Айгүл ШАРШЕН


"Аруу махабат"


- Ой, бирдеме ичип алсын, кечке ачка болбойбу? - деди Кемелбай аялына карай, - Бармактай кызды ачка өлтүрөсүңбү?

- Азыр, - Оңолкан Шайгүлгө карады. - Өлмөсөк болбой бетиңди жуу да жармадан ичип ал, бол тез, торпоктор ачка болот.

- Ой тигил Адыл менен Мадылды деле кайтартсаң боло, кыз баланы үй жумушуна жумшасаң кантет?

- Ыя, дагы эмне кылайын, жүктүн түбүнө чоюлтуп гана отургузуп койбоюнбу? - Оңолкан күйөөсүнө акшырая карап силкинип ары басып музоолорун бошотуп мойнуна жибин ороп ары айдап кетти, - Өзүм кайтарайын анда, кызыңды созултуп күнгө чыгарбай бак!

- Уул бала кайтарсын дегеним да, Шайгүл кыз эмеспи, аны өз балаңдай көрө албадың го? - Кемелбай күңгүрөнө үйгө кирди. - Байкуш кызым жүдөп да бүттүң, таенең болгондо да мынчалык кор болбойт элең, - деп Шайгүлдүн жанына отуруп чачынан сылап жатканда Оңолкан кирип келди.

- Эми көргөнсүп кызыңды жаныңа албай чыгар, торпоктор эки жакка кетип кала электе, каяктан дагы ушу сага жолуктум экен, жетимиң үчүн жаман-жакшы айтышып жадап да бүттүм! - дегенде Шайгүл ордунан бүжүрөй туруп сыртка жөнөдү.

- Айрандан куюп берип койсоң боло, кечке талаада куруйт.

- Өлбөйт! - деп күйөөсүнө булкунган Оңолкан Шайгүлдүн артынан кошо чыкты, - Жип алып ал, отун көтөрө келгенге.

- Алдым, - Шайгүл торпокторду көздөй жүгүрүп кетти.

Бул шордуу кыздын апасы үч жашында өлүп калган. Жыл айланбай эле Кемелбайдын туугандары ага Оңолканды алып берип эки уулдуу болуп калгандыктан аялына эчтеке дей албай секелек кызы үчүн аралжы боло албай өкүнүп жүргөн эле. Оңолкан Шайгүлгө келгенден мээр сала албады. Кемелбай бир бутунан сылтып басып жумушка жарачу эмес. Бир аз мал-кели, эки уй, бир жылкысы бар. Өтө бай болбосо да карды тоюп, кийими бүтүн, орто чарба жашоосуна ыраазы. Оңолкан эки уулун чалчаңдатып иш кылдырбайт. Шайгүл он экиге карап калса да кийим-кечесин оңдоп коюуну ойлободу, ал турсун тамакты жарытып бербейт. Коңшусунун баласы бар, ал Шайгүл менен кичинесинен бирге ойноп, ыйласа сооротуп, үйүнөн нан, кээде сүт алып чыгып берчү. Бүгүн дагы Шайгүл торпок артынан жөнөгөндө ал койнуна нан катып алып артынан жүгүрдү.

- Шайгүл токто! - дегенде кылчая берип:

- Келе бер, - деди да торпокторун кайрып сексеңдей жүгүрүп баратканда Амалбек ага жете келди.

- Шайгүл, сен окуйсуңбу быйыл?

- Апам макул болсо.

- Эмнеге, сен сабакты жакшы окуйсуң, сабактан калтыра бергени жаман, атаң болушпайбы?


- Болушат, апам тилин албайт да…

- Аа-а, нан жейсиңби?

- Кардым ток.

- Анан жейбиз ээ?

- Ооба, - деп отко кызыга жерден башын албай оттоп жаткан торпокторду жайына коюп отун термекке киришти.

- Отун тересиңби?

- Ооба, отун тере барбасам апам урушат.

- Кел, экөөлөп теребиз, отуруп эс алып албайлыбы? - деди Амалбек ага, токтоло калып ташка көчүк басты. Шайгүл экөө көпкө үнсүз отуруп, бири-бирин кыя карап коюшат, Амалбек балалык кыялында Шайгүлдү абдан аяйт, аны Оңолкандын урганын далай ирээт көргөн, ошондуктан анын көңүлүн көтөргүсү келди.

- А сен үйүңдө жумуш жасабайсыңбы? - деди бир топтон кийин Шайгүл ага карай.

- Жок, мен жасачу жумуш деле жок го, уйларды жайлоого эрте эле берип ийишет, а отун болсо көп, силерде деле көң бар го, эмнеге сени отун тер дей берет, мен Оңолкан эжени аябай жаман көрөм.

- Ал жакшы эле, отун баары бир керек, сүт бышырат, анан суу ысытып кир жууйбуз, - деп Амалбек карап тургандай көйнөгүнүн жыртыгынан чыгып турган тизесин жаап койду.

- Мен сага көйнөк алып келип берейинби? - Амалбек аңдоостон сурап калды.

- Эмнеге?

- Эжем сага берем деген…

- Апам урушат да.

- Аа-а, - деп унчукпай калды Амалбек.

- Сага жакшы, мен дагы апам өлбөгөндө же таенем өлбөгөндө минтип кор болмок эмесмин, - Шайгүл улутунуп алды.

- Капаланба Шайгүл, сен чоңойгондо аябай сулуу кыз болосуң, анан бактылуу күнгө жетип баарын унутасың.

- Унута албас чыгаармын… - Жер карап көзүнө жаш тегеренди, - Бул күндөрдү эч унуталбайм.

- Кел, нан жеп алчы, - Амалбек койнунан чачыкка оролгон бир бүтүн нанды алып чыгып сындырып сунду, - Ме жесең.

- Ошончо көп алып алдыңбы?

- Эмне экен, апам дандырга жабат, бул эчтеке эмес, сен экөөбүз мектепке бирге барабыз, ошондо да алпарып берип турам ээ? - Амалбек ага мулуңдай карады.

- Мектепке барганга кийимим жок, аз эле калды го, баралбайм го? - Шайгүл нандан тиштеп жер карап калды.

- Атаңчы, ал дагы окутпай коебу?

- Атам инвалид, пенсиясын апам алып коет, мага кийим-кече алгысы келбейт.

- Кийим болсо эле окуйсуңбу?

- Китеп, дептер дагы керек…

- Дептерди мен берем, китепти мектептен деле берет.

- Көрөбүз го. - Шайгүл ордунан тура калды. - Отун теришим керек, эми эле кеч болуп кетет. Отунду аз терсем дагы урушат, - деди да Амалбекке карады, - Сени апаңдар урушпайбы, бара берчи.

- Алар урушпайт, - деп Амалбек Шайгүл менен кошо куурай тере баштады.

Замандын гүлдөп турган учурунда тоолуу райондордун колхоз-совхоздорунда жетип-жетпей жашаган үйбүлөлөр деле болгон. Дал ошол гүлдөгөн союз учурунда Шайгүл Токтогул районунун Кара-Суу совхозунун көл жээктей жашаган айылдарынын биринде өсүп жатты. Кемелбай өтө жоош да, инвалид да эле, карыган апасы өтүп кетип, эки иниси, бир агасы бар, алардын өз чарбасы бар: "Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" дегендей, ар кимиси өз киндигин өзү кесмей.

Кечинде чоң таңгак куурай отунду көтөрүп, төрт торпокту айдап үйгө карай жөнөгөн. Элдин баары эле мал-салын койчу-уйчуларга кошуп ийчү, Кемелбайлар ошол жылы эки жылкы, торпогу менен эки уюн алып калышкан. Торпоктор ар жак, бер жакка качканда отунун жерге кое коюп улам тосуп кайра жонуна таңгакты көтөрүп, Амалбек экөө каш карайганда гана бөлүнүштү.

- Селбиреген өлүк, өлүп калган экен десе, тирүү белең, эртерээк эле келбейт белең, саан уйлар эбак келген, - деп алкына каршы алды Оңолкан. Жонундагы отунду жерге коюп үндөбөй торпокторду байлоого жүгүрдү, - Бир торпокту жөн гой, азыр саайм.

- Макул, - деди да тай торпокторду көнгөн адатынча короого камап, бир торпокту казыкка байлап, бирин энесине кое берди.

- Ачка болдуңбу, кызым? - деди ошол кезде таягын таяна жанына келген Кемелбай.

- Жок, ачка болгон жокмун.

- Садага болоюн, эптеп чоңоюп алсаң болду, жаның аман болсун, - деп чака көтөрүп келе жаткан аялын көрүп унчукпай калды.

- Тарт торпокту, ээмп койду? - деди жете келген Оңолкан.

Шайгүл эрбеңдей торпокту тартып казыкка байлай бергенде жулунган торпок бутун басып кетти.

- Аа-ай! - деп отура калды.

- Эмне болду, Шайы? - Кемелбай арытан үн салды.

- Эчтеке, - Шайгүл жаны көзүнө көрүнө бутун кармап отуруп атасына жай унчукту.

- Өлүп кеткенсип кыйкырасың да, атакеңдин жүрөгү түшө жаздады, - деп өзүнчө кагынып алды Оңолкан.

- Торпок бутумду басып албадыбы апа, - Ыйлап ийди Шайгүл.

- Өлбөйсүң.

- Ошого асылганды койбодуң, - деп Кемелбай көөнү тынбай кайра бери басып келди, - Үйгө кире берчи кызым, торпокторду мен эле байлап коем.

- Өзүм эле байлайм ата, сиз байлай албайсыз.

- Деги сенин азабың өттү да, өлүксүзүң же энеси менен кошо өлбөй чекеме чыккан чыйкан болду.

- Кой Оңолкан, мунун да көрөөр күнү бар, анчалык эле заар болбосоңчу, бала да бул деле.

- Бала болбосо башын жутсун, ушу болбосо тынч жашамакпыз, күндө ушунун айынан уруш-талаш болуп тажап да кеттим, - деп Оңолкан эки уйду саап үйдү көздөй сүйлөнө басып кетти.

- Катуу басып кеттиби, кызым?

- Жок, анча деле эмес, - Шайгүл торпоктордун моюнчасын түрүп, короого жетелеп киргизип коюп анан атасына кайрылды, - Ата, мен окууга барамбы быйыл?

- Барасың кызым, өзүм сага кийим-кече алып берем, канча калды окууңа?

- Бир ай.

- Шашпа кызым, окууга барасың.

- Чынбы, апам "окууга эмне бар" деп жатат го?

- Айта берет, Адыл менен Мадылга кийим алганда сага дагы алып беребиз, азыр илгерки заман эмес, сени окутам кызым, кам санаба, - деп кызынын чачынан сылап койду, - Капаланба ээ, мен сөзсүз окутам.

- Макул ата, - Көңүлү көтөрүлө түшкөн Шайгүл күндүзгү Амалбек экөөнүн сүйлөшкөндөрүн көз алдына келтирип алды: "Мен дагы окуйм, бешинчи класска көчүрдү бекен" деп ойлуу атасынын артынан үйгө кирмек болуп жуунуп алмак болгондо Оңолкан чыга калды:

- Казанга суу куюп от жага сал, жылыса кир жууп кой, эртең колуң бошобой калат.

- Бирдеме ичип алса боло, күнү кечке үйдөсүң, кирди өзүң деле жууйсуң, - деди Кемелбай кайра чыгып.

- Сен тамагыңды иче берчи, биягын мага кой.

- Оңолкан, балдарды төрөп койдум деп милдет кылбай жүр, кызымды ошол эки баладан кем көрбөйм, үстүндөгү кийимин карачы, эл журт деле кеп кылып жаткандыр…

- Ой-ой-оо-ой, милдет кылбаса билгениңди кыл, кааласам балдарымды алып кетип калам. Жүдөп-какап кызың экөөң биттегенде жалдырап барасың, - деп булкунуп алды Оңолкан.

- Эк барсаң бара берчи, катыны жок жүрсөм болмок экен, кызымды жалдыраткыча, - деди Кемелбай дагы кайраттана, - Балдар сен турганда кор болбойт, аман-эсен чоңойсо таап келет! - деп ичкери кирип кетти.

Бул кезде эмне кылаарын билбей аларды карап туруп калган Шайгүл делдейе:

- Ата, мен үчүн урушпагылачы, мен баарын аткарам, кирди да жууйм, торпок кайтарам, андан эчтеке болбойм, - деп ыйлап ийди.

- Ишиңди кылчы! - деп Оңолкан силкинип үйгө кирип кетти. Ошол кезде короонун оозунан Амалбек үн катты:

- Шайгүл.

- Эмне?

- Бери келсең, - дегенде Шайгүл жүгүрүп жетти.

- Апам көрсө урушат, эмнеге келдиң?

- Тамак алып келдим, кел жеп алчы.

- Кандай тамак?

- Эт бар, апама айтып куйдуруп келдим, - деди эле Шайгүлдүн карды ачып турганга эттүү тамактын жыты мурдун жара кесени алып кашык менен ичип кирди:

- Апам көрүп калса жаман болот, - деп алды да шашыла ичип жатты, Амалбек аны карап турду, негедир аны үйүндө жатып да ойлой берет, шашыла ичип, - Мен сага ыраазымын, - деди да идишти берип жүгүрүп кетти. Арыдан бери кирди жууп, Оңолкан берген кийим-кечелерди бүткүчө кеч болуп кетти, Кемелбай жанында отуруп карап ойлуу:

- Каргадай болгон садагам, мени кечир, калкалай албадым, эптеп бой жетип алчы, - деди, күңгүрөнүп сүйлөп эки сөзүнүн бири: "Каралдым" деп жатты. Түн бир оокумга чейин жууп жайып анан кирип жатып алмак болгондо Кемелбай, - Шайы, тамак ысытып ичип алчы, - деди.

- Ата менин кардым ток.

- Кантип, эртең мененки жарма менен жүрөсүң го?

- Жо-ок ата, кам санабаңыз, кардым ток, - деди да ордуна жатып калды. Кызына боору ооруган Кемелбай кыңырылып кыңкайды. Ал убакта Оңолкан коңурук тартып уктап жатканЯ.

Мындай күндөрдүн далайы өттү, аялын далай жолу кетирмек болсо да кете койбоду. Ичтен тынып Шайгүлдүн ал акыбалынан зээни кейисе да колунан эчтеке келбесин сезгенде каңырыгы түтөп тим болот. Эртеси дагы Оңолкан күндөгүсүндөй эле алкынып келди да:

- Тур ой кыз, уйду саа, мен ооруп турам, - деди.

- Азыр апа, - деп уйкусурай туруп келе жатканда Кемелбай аялына карады:

- Үстү башын оңдоп койсоң боло, мындан башка кийими жокпу?

- Кайра эле кирдетет да, өзү таза жүргөндү билбесе…

- Бир айдан бери которуна элек, окуу жакындап да калды, чачы биттеп кетпесин.

- Окуганда кайда бармак эле, балдарыңды окутуп алчы, кыз баланын окуганы кимге пайда?

- Окуйт, мен кийимин даярдап берем, эртең мал сатам да үчөөнө тең кийим-кече, окуусуна керектүүсүн алып келейин, - дегенде Оңолкан жиндене кетти:

- Ушул окуганда эле заман оңолуп кетмек беле, келжиреп чоңоюп алып дагы бир өзүнө окшогон бирөөгө тийип кетет да, сени карап коймок беле?

- Өзү менен өзү болгуча курутуп бүтмөк болдуң го, чырымалында жүрөк суусун алып. Элдин бетин карай албай калдым, "кызыңды кор кылып койдуң, эмнеге аялыңа айтпайсың?" деп жатышат.

- Ошо эл келип сенин ашыңды жасап берет бекен, бирдемени айтып койсо ишенип алат экен, алардын биз менен кандай иши бар экен? - деп алкынып өздөрүн карап турган Шайгүлдү алая карады, - Эмне турасың, сеттер!

- Бакырба, уйду өзүң саа!

- Сен баатыр боло баштадың, мени кетирип ала турган аялды даярдап алгансың го, мейли анда, өз билгениңди кыл, сага жабышпай мен дагы өз билгенимди кылам, эки баланын энчисин бөлүп алып кетем!

- Эмне кылсаң ошол кыл, катыны жок эле жашайм, - деп Кемелбай колун шилтей сыртка чыгып кетти.

Шайгүл тырмалаңдап торпок жетелеп келип энесине салып ийитти да кайра тартып алды, кечээки торпок басып кеткен буту сыйрылып көгөрүп оорутуп жаткандыктан аярлап эптеп байлады да уйду саап кирди. Мурун саап көрбөгөндүктөн акырын окчундай отуруп эмчегине колун сунуп чоочулай саап кирди. Бутун серпе чоочуркай эки жагын карап алды да айбан болсо да бала экенин билгендей маңыроо кепшеп туруп берди. Уйду саап, торпокторун байлап уйларды айдап келип кайрадан торпок кайтарганга жөнөмөк болуп үйгө кирсе Оңолкан эки инисин кийинтип, жүктөрүн таңып жатыптыр.

- Апа, кайда кетесиңер, мен үчүн урушпагылачы, - Шайгүл аны ыйламсырай карады, - Адыл менен Мадылды менден бөлбөңүз, атамды кечир, апа?

- Ийи акылдуусуң го, балдарды сага бир тууган болот деп турасыңбы? Билип кой, булар менин балдарым, сендей сетерди балдарымдын жанына жолоткум келбейт, жугуштуу оорудай болбой ары турчу!

- Апа-а, апакебай мен силердин күңүңөр болоюн, кетпегилечи эч жакка! - деп Шайгүл Оңолканга жармаша түшкөндө аны түртүп жиберди:

- Ары турчу өлүк, сен болбосоң уруш-талашы жок жашамакпыз. Же жоголуп кетпей же өлүп тынбай азабың өттү.

- Оңолкан! - Кемелбай кыйкырып ийди.

- Ийи, эмне болуп кетти, кызың өлүп калдыбы? - деди Оңолкан ага көзүн алайта карап жини келгендиктен өңү кумсара.

- Анын өлүмүн тилегенче өзүңдү сакта да балдарды таштап туруп өзүң кет, биз өзүбүз оокат кылабыз.

- Ыя, мен сага балдарды таштайт бекенмин, менин баркым жок дагы, тууган балам керекпи?

- Ооба, бала меники, сотко барсаң да бала меники, жашасаң үчөөнү бирдей кара, болбосо өзүң кет! - деп Кемелбай кайраттана айтканда Адыл атасынын жанына барып артына жашынды:

- Мен эч жакка кетпейм, атамды жакшы көрөм.

- Мен дагы кетпейм, калам атам менен, - деп Мадыл да Кемелбайга жармашты.

- Силерди бул жерге өлүп таштабасам тирүүмдө таштабайм, баскыла кеттик, - деп эки уулун колунан тартканда, экөө тең ыйлап артка тартынганда Шайгүл Оңолканга жармашты:

- Апа-апакебай, мени Адыл менен Мадылдай көрүңүз, айланайын апа, мен сени өз энемдей эле көрөм апаке, бир туугандарымдан бөлө көрбө!

- Мага жакындаба, көзүмө көрүнбө деп жатам жетим, сенин энеңди мен өлтүргөн эмесмин! - деп Оңолкан аны дагы түртүп ийди эле жыгылып түшүп жамбашы ооруй түштү, көзүнөн жашы төгүлө сүйрөлө ордунан турду да, сыртка чыгып торпокторду короодон айдап чыгып талааны көздөй илкип кетип баратканда, Амалбек өз короосунун оозунда аны карап турган, дароо үйүнө жүгүрүп кирип:

- Апа, Шайы ыйлап кетип жатат, аны апасы урган окшойт, ал ачка, нан-айран берчи апа, карды ачып калат.

- Боорукерлигиң ченде жок каралдым, ал шордууну Оңолкан кор кылды го, үстүндөгү кийимин которуп да койбойт, убал-сообун ойлобогон катын тура, - деп апасы Маржан кейий банкага айран куюп, бир нан менен баштыкка салды да уулуна берди, - Колуна берип тез кел.

- Ооба, берип келем, - деген Амалбек кудуңдай жөнөгөн уулун карап туруп калды эне.

Бир кезде уулу дал ушул жетим кыздын айынан отузга чыкканча бойдок жүрүп азап тартып үйдөн безээрин ойлогон жок, тек гана уулунун боорукерлигине ичи жылып анын ою менен айтканындай болот. Үч кыз эки уулу бар, Амалбек кичүүсү.

Амалбек жүгүрүп Шайгүлгө жетти:

- Шайгүл, - Өзүн карабай кетип жаткан Шайгүлдү колунан тартып токтотту, - Шайгүл.

- Амалбек…

- Эмне сен ыйлап жатасыңбы, апаң дагы урдубу? - Шайгүлдүн ыйлап жатканын көрүп селдейе түштү.

- Жок, урган жок, апам мен үчүн атамдан кетем деп жатат.

- Ошого ыйладыңбы?

- Ооба.

- Кетсе кете берсин, сени ал жаман көрөт да?

- Инилеримчи, аларды алып кетем дейт.

- Кайра келишет, - деди Амалбек кызга боору ооруй, - Адылдар кошо кетебиз деп жатабы?

- Жок, алар барбайм дешти, баары бир апамдын кеткенин каалабайм, апамдын ордунда апам эмеспи… - Буркурап ийди.

- Койчу Шайгүл, ыйлабачы эми, мен сага айран менен нан алып келдим карасаң, мен торпокторду карап турам, сен отуруп ичип ал, - деди да колундагы баштыкты ага карматып өзү төрт торпокту көздөй жүгүрдү.

Шайгүл көз жашын аарчып таш үстүнө отуруп алып айран менен нанды жеп Амалбекти карап отуруп бырс этип күлүп алды. Анын балалык сезиминен эмелеги кайгысы кайда учуп кеткени белгисиз көңүлү көтөрүлө түштү. Жерден баш албай оттоп жаткан торпокторду имерип коюп Амалбек анын жанына келди. Экөө тең ошол кезде тагдырлары чаташып, акыры кайра бир жолугушаарын сезишпеди…

- Ырахмат, - деп жылмая карады Шайгүл ага.

- Эчтеке эмес, сен рахмат айтканың болбойт, сен менин карындашымдайсың, - Амалбек аны ойлуу карады, - Шайгүл.

- Ийи.

- Мен сени аябай жакшы көрөм.

- Мен дагы, биринчи атамды, анан сени.

- Чын эле мени дагы жакшы көрөсүңбү? - Амалбек ага жадырай карады, - Кел анда, экөөбүз дос болобуз.

- Доспуз.

- Доспуз, - деп экөө кол алышты.

- Маржан эже сени урушпайбы?

- Эмнеге?

- Мага тамак ташыганың үчүн.

- Жо-ок, ал сага боору ооруп Оңолкан эжени жаман көрөт, апам сенин апаңды көп мактайт, жакшы аял болчу дейт.

- Чын элеби, апамды жакшы билет бекен?

- Ананчы, жакшы аялдын кызы жакшы болот деген.

- Апам, - Шайгүл кайрадан ыйлап кирди, - Апам тирүү болгондо мындай болмок эмесмин…

- Ыйлабачы Шайгүл, сен экөөбүз чоңойгондо үйлөнүп алабыз, мен сени ошондо эч качан ыйлатпайм, көрөсүң го…

- Амалбек, сен эмне деп жатасың? - Шайгүл аны жаштуу көздөрү менен карады, - Үйлөнөбүз дейсиңби?

- Ооба, биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз да? - деди Амалбек корсое, ал өзүн акылдуу бойго жеткен жигиттей сезип Шайгүлгө көрүнгүсү келди.

- Биз жашпыз, мен сенден мындай сөздү күткөн эмесмин, сени мен досум деп кабыл аламын.

- Мейли, дос экенибиз чын.

- Мындан ары мага тамак ташыганды кой...

- Сен ачка болуп каласың да?

- Мейли, иши кылса атам менен апам бирге жашаса эле болду, инилерим жанымда.

- Оой, торпоктор кетип калыптыр, - Амалбек тура жөнөдү, анын артынан Шайгүл жүгүрүп экөө тең эки жакка жүгүрүп таппай калды. Көпкө отуруп калышканын ошондо билип, суу жээк жакка барып ар жерден оттоп жүргөн торпокторду таап, анан арчалардын куураган бутактарынан отун чогултуп кирди Шайгүл. Ал муну өзү эле билип жасап жатты. Оңолкан апасына жагып, колунан келгенин жасагысы, атасынын кайгырган жүзүн көргүсү келбеди. Өзүнүн азабын эмес атасынын бактысын ойлоп турду. Бала болсо дагы жүрөгүнөн жанындай көргөн атасынын капаланышына жол бергиси келбей турду. Аны менен бирге отун терип жүргөн Амалбекти карап:

- Сен үйүңө бара бер, - деди.

- Жок, мен сага жардамдаша коеюн.

- Өзүм эле…

- Жок, жалгыз айылдан алыс болгондон коркосуң.

- Коркпойм, мен атамдын капаланышынан корком, мени көрүп атам дайыма капаланат, кейий берет, ооруп калса кантем деп ошондон корком.

- Коркпо Шайгүл.

- Кудайымдан суранаарым атамды аман койсо экен.

- Капаланба Шайгүл, биз чоңойсок ата-энебизди кубантып, алар каалагандай адам болобуз.

- Сен чоңойгондо кандай окууга тапшырганды каалайсың?

- Менби?

- Ооба.

- Ойлоно элекмин, бирок мен учкуч болгум келет, Тынарбек акем быйыл окууга кетти, мен али мектепти бүтө элекмин, эми ойлоном да, а сен ким болгуң келет?

- Мен кайдан, мектепке барганга мүмкүн болбой калды, анан ким болууну кантип ойлоном.

- Сен жакшы окуйсуң, былтыр бир ай барбай калдың, эми ордуңда калтырып койбосо болду…

- Көрөм да.

- Быйыл окуйсуңбу?

- Билбейм, ошол үчүн атамдар урушуп жатышат.

- Көрөбүз да ээ. - Амалбек чогулткан отундарын таңып коюп, кепшеп жаткан торпокторду карап. - Биз айылга жеткенче күн батат, кеттик анда.

- Кеттик, - Шайгүл жылмайып койду. Экөө торпокторду айдап айылга жеткенче Амалбек отунду көтөрүп алды.

- Аябай оор болуп калыптыр, кантип үйүңө жетесиң?

- Жетем.

- Кел мен биротоло жеткиришейин.

- Жок, атаңдар көрсө урушат.

- Алар урушпайт.

- А апам көрсө кандай уруш чыгаарын билбейсиң, - Кыз муңая карады, - Ага бир себеп табылса эле урушуп кирет.

- Мейли үйүңөрдүн жанына чейин…

- Өзүң бил, - Секире баскан Шайгүл торпокторунун артында, ал канчалык эскилиги жеткен, көрүнгөн жери айрык көйнөк кийип жүрсө да сүйкүмдүү эле. Көздөрү бүтүйүп, мурду кырдач, оозу бөйтөгөй, эндик сыйпап алгансып эриндери кыпкызыл. Амалбек аны карап алып, өзүнчө жүрөгү дүкүлдөп кетти: "Мен сени эч кимге бербейм, сени сүйөм, Шайгүл" деп аны күлмүңдөп карап коюп, улам тынып кайра жонуна отунду арта сала үйгө жакындаганда Шайгүл короого торпокторун айдап кирип кайра жүгүрүп келип, - Рахмат, - деди да жонуна сүйөй кондурган таңгакты коюп ийиле калып эптеп короого кирип эле таштап ийди. Анан торпокторун байлап жатканда Адыл чыга калды:

- Атамдар үйдөбү? - деди инисин көргөн Шайгүл.

- Апам жок.

- Кайда кетти?

- Мадылды алып кетип калды.

- Атамчы?

- Үйдө.

- Аа-а, - деди да кайра уйларын карап короодон чыкты, кеч кирип баратса дагы уйлары келе элек эле. Жолду карап көрүнбөгөнүнөн үйгө кирди, - Апам кетип калдыбы ата?

- Кетти, - деди Кемелбай үңкүйгөнүнөн жазбай.

- Эмнеге аны уруштуңуз анан?

- Ошонусу жакшы болду кызым, сени кордогону менин зээнимди кейитип ийди…

- Өз апам деле урушмак ата, апамды кайра алып кел.

- Кой кызым, өзүбүз оокат кылабыз, сен эми чоңойдуң, сенин ыйлап турганыңды көргүм келбейт, үйлөнүп бекер кылыптырмын, - деп унчукпай калды.

Адыл эч нерседен капарсыз телевизор көрүп отурат, ал үчүнчү класста окуйт, Мадыл биринчи класста окумак быйыл.

- Ата, уйлар кечикти, карап келейинби?

- Тим кой, караңгыда кайдан тапмак элең?

- Келип калаар, мен тамак жасайынбы?

- Ооба кызым, бирдеме жаса, адегенде үстүңдү оңдоп алчы, кийимиңди которунуп, чачыңды жуучу кызым.

- Макул, - Шайгүл ичкери кирип ирдүү кийим деле таппады, эски болсо да жуулган көйнөгүн кийип чачын тарап байлап алды да тамак жасаганга киришти. Ал этти туурап, картошка аарчыды да пияз туурап, бирок кайсынысын биринчи салаарын билбей көпкө турду…

Андан кийин үчөө отуруп тамактанмак болуп дасторконго келгенде Шайгүл атасына куюп берип:

- Ата, тамак жасаганды билбейт экенмин, көрчү кандай болду экен, - деди жалдырай карап.

- Үйрөнөсүң кызым, али жашсың да, - Кашык менен даамдап көрүп, - оо, кызымдын тамагы абдан даамдуу болуптур го, дагы жасаганды билбейм деп коет, - деп күлмүңдөй карады.

- Ыраспы ата? - Шайгүл кубана карап өзү да ичип кирди.

- Чын эле даамдуу экен, - Адыл да мактап ичип жатты.

- Чоңоет деген ушул кызым, сен бизди багасың, - деди ойлуу Кемелбай тамак ичип отуруп.

Бир аздан кийин мөөрөп уйдун үнү угулганда Шайгүл жүгүрүп чыгып киргизип байлап саады да сүттү бышырып, эртең мененкисин уютуп коюп жатып калышты. Ошол күнү ал өзүн бактылуу сезди, каалагандай эркин отуруп тамактанып тое көңүлү көтөрүлдү, бирок дилинде бир нерсе жетпегендей кыжаалат болуп жатты, канчалык өзүнө заар тилин агытса да апа деп калган бул аял ага жакынындай сезилип аяп кетти, инисин ойлоду. Ар кайсыны ойлоп жатып уктап кетти. Жашоо ойдогудай болуп Шайгүлдүн көңүлү сергилең, күндө көнгөн жумушу менен алек, өз боюн таза кармап, жуунуп таза жүрө баштады. Амалбек анын жанында, мурдакыдай тамак көтөрүп келбейт, бир аз керектүү отунун алып, экөө кечке кубалашып ойноп кечинде бирге келет. Балалык сезимдин улуу күчү Амалбекте таза эле. Ал Шайгүлдү эч кимге теңегиси келбейт, негедир анын жанында болгусу келет.

Арадан билинбей бир ай өтүп кетти, окууга эки-үч күн эле калган, Кемелбай торпогунун бирин сатып балдарына кийим-кече, окуу куралдарын алып келгенде Шайгүлдүн кубанганын айтпа, чачына барпырайта лента тагынып, форманы кийип, фартугун тагынып алып күзгүгө улам көрүнүп, ары-бери басып жатып анан кайра чечип өз ишине киришти. Ошол күнү анын үйүнө Кемелбайдын карындашы Шекергүл келди. Ал Оңолкандын кетип калганын билгенде кейип-кепчип отурду:

- Мен жеңемди алып келейин, сизге оор болот, эгер Шайыны ошончолук оор көрсө мен өзүм алып кетем.

- Шайыны өз колумдан чыгарбайм, келбесе тим кой, Мадылга кийим алдым, өзүм жеткирип берем, - деди Кемелбай каршы боло.

- Ушинтип жашай бересиңерби?

- Кызым бизди кор кылбайт, баарын өзү жасап калды, өзүн-өзү карап тың, карындашым. Башында үйлөнүп бекер кылыптырмын, кызыма кордукту көп көрсөттү, балдарым үчүн үндөбөй эсине келээр десем болбоду…

- Ошентсе да аял болбосо болбойт аке, Шайы окууга кеткенде мал-салды карай албай каласыз да?

- Ал Шайынын мектепке баруусуна каршы болуп жатпайбы, оюнда окутпай эле ушуну жумшап коюп өзү жата бергиси бар, ал болгон күндө дагы иш кылбайт, баарын тырмалаңдап ушу жасайт, боорум ооругандан кетсең кет дедим.

- Анан Мадыл аякта өсөбү?

- Өзүм карап турам.

- Мейли өзүңүз билиңиз, - деп Шекергүл Шайгүлдүн жасаган тамагын көрүп ыраазы болду, үйдү жаштыгына карабай таза кармап, чоң кишидей бир үйдүн түйшүгүн көтөрүп, кир жууп, малды жайлаштырып жүргөнү чынында жүрөгүн оорутту. Булардын баарын Кемелбай жасай алмак эмес, эки таяк менен баскандыктан жардамы болмок эмес. Ушуларды ойлоп кыңырылып кайра эки күндөн кийин шаарга кетти. Ушул окуу жылында Шайгүл мектепке жаркылдап кийинип келди, ал бешинчи класска отурганына сүйүнүп жатты. Аны класс жетекчиси чакырып алып:

- Сенин жакшы окуганыңды эске алып ордуңда калтырбадык, быйыл сабактан калчу болсоң ордуңда каласың, - деди.

- Калбайм эжеке.

- Анда бар, окуй бер.

- Рахмат эже… - деди дагы класска кирди, классташтары аны карап шыбырашып калды, ал унчукпай ордуна отуруп кулагы аларда:

- Шайгүл быйыл форманы жаңы кийген го?

- Ооба, анын өгөй апасы кетип калыптыр да.

- Ошондой, кийимге жетип калганы…

- Койчу байкушту, өгөй апага чыдады да, андан көрө ага жардам бериш керек, өзү жаман кыз эмес.

- Сабакты жакшы окуганга көтөрүлгөнү жакпайт.

- Ал эч качан көтөрүлбөйт деле, - дешип өздөрүнчө шыбырашып жатканда класска мугалим кирди.

- Саламатсыңарбы балдар?!

- Саламатсызбы агай? - дешип окуучулар бир ооздон тура калышты:

- Отургула, кандай каникулуңар көңүлдүү эле өттүбү?

- Жакшы агай.

- Бир гана Шайгүлдөн башкабыздыкы жакшы өттү, - деди Белек деген бала.

- Шайгүл торпок кайтарып бизден да көңүлдүү өткөргөн болуш керек, жылда бизге уюн кошчу, быйыл кошпой өзү кайтарды, - деди Акмат аны карай кылтыя.

- Балдар, ата-энеге жардамдашкан акылдуу кыз экен Шайгүл, албетте ал сабакты жакшы окуйт эмеспи, кана анда каникулда көргөн-билгениңер жөнүндө жазгылачы, - деп журналга балдардын ысымын жазып тактап жатты. Асылкүл Шайгүл менен башынан ынак эле, ал ошол күнү келген жок, көрсө ал ооруп ооруканада жаткан экен. Баары угушуп ага бармак болушту, акча чогултмак болгондо Шайгүл.

- Мен кийин өзүм барам, - деди.

- Эмнеге, сен анын жакын курбусу эмессиңби?

- Азыр акча жок, атамды кыйнагым келбейт.

- Өзүң бил, - деди Кайыргүл ага.

- Келгиле балдар, Шайгүлдү түшүнөбүз, андан көрөкчө ар бирибиз ага кошуп туралы, чогуу барганыбыз жакшы, - деди Седеп деген кыз.

- Макул, туура айтасың.

- Ошенткенибиз туура, - дешип ага жан тартып Шайгүл үчүн дагы акча кошушмак болуп тарашты. Амалбек "Б" класста окучу, ал сабактан тараганда аны күтүп туруп экөө бирге үйдү көздөй келе жатты:

- Шайгүл, окуу кандай башталды?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Жакшы эле, сенин өз ордуңда калышыңды куттуктайм!

- Рахмат, силерге дагы жаңы агайлар кирдиби?

- Ооба, биз эми чоң класс болобуз да.

- Бүгүн булакка барасыңбы?

- Жок, торпокторду карашым керек.

- Анда мен сени менен барам.

- Эмнеге?

- Мен сүрөт тарткамын, сага көрсөтүшүм керек.

- Кандай сүрөт?

- Анан көрөсүң, эрте чыгасыңбы?

- Ооба, кийимимди которуп алып эле чыгам.

- Анда күтөм, - деди да короосуна кирип кетти. Шайгүл үйгө кирип келип эле таңгалып туруп калды, төрдө Оңолкан отурган эле.

- Ийи, мени көргөндө желмогузду көргөндөй эле болдуң окшойт, - деди Оңолкан абалкысындай эле кекете сүйлөп.

- Эми кер какшыгы жок эле сүйлөсөң боло, бала неменин назарын сындырбай, - деп Кемелбай аны жактыра бербей карады.

- Апа, мен андай ойлогон жокмун…

- Анан эмнеге кел дебейсиң? - Мурдун чүйрө карады.

- Келгиле, Мадыл дагы келдиби?

- Мадылды эмне кылат экенсиң, ал эми келбейт, мен аны шаарга өзүм менен алып кетип жатам, - деп кыйгачтай сүйлөдү Оңолкан, - Андан көрө баланын энчисин бер!

- Эмне деп жатасың? Балдарды бөлбө, кетсең өзүң кете бер шаарга. Мадылды өзүм багам.

- Кете бер деп, кызың экөөң жыргап калгансыңар го, мен жок кудай берип, кел жашайлы дегендин ордуна кете бер дегениңе жол болсун, же эмне өмүр бою кызың менен жашамак белең? - деп кекеткенде Кемелбайдын ачуусу келе түштү:

- Өз ырыскыңды өзүң тепкен аял экенсиң, кенедей кызга эрегишип "кетем" деген өзүң, сага бирөө бирдеме деди беле?

- Кызыңа болушуп кет дебей эмне кылдың эле?

- Бала төрөгөн аял баланын кадырын билсе болот да, сен ушул бармактай кызга айыгышкан жоодой асылып туруп алдың. Сени эне дейт Оңолкан, эми да кеч эмес, эки бала турат, үйдүн ээси бол, үчөөнө бирдей болбосо да энелик мээримиңдин үчтөн бирин Шайыга төк, өз үй өлөң төшөгүңдө жашай бер…

- Болуптур, - деди Оңолкан зорго тургандай, анткени ал өз төркүнүндө ээн-эркин боло албай, келиндеринен тажап атайы Кемелбай барбай койгондон улам өзү келген эле, - Бала эмеспи, кээде тилдеп урушканымды көңүлүңө алба, өз энеси деле уруп-согот тура, балдарды айрыгым келбейт, - деди да унчукпай калды. Ошондон баштап кайрадан Шайгүлдүн кабагына кар жаады. Сабактан бир аз эле кечиксе кулагынын кужурун алып кирет. Сабагын даярдамак болсо, отургузбай какшанып жанын койбойт, кайра жүдөй баштады. Кээде чачын эптеп тарап алып, сабакка жөнөйт, кийимдерин жуумак болсо эки инисинин, өзү менен атасынын кийимин алып чыгып кошуп коет. "Жуубайм" деп айта албай кечке жууп, сабагын түндө даярдамак болсо да урушат.

- Оңолкан, сабагын даярдап алсын, эртең мугалими урушпайбы, болоор болбосту өзүң эле жасасаң боло? - деди аны сабак даярдап жатканда жарыкты өчүрүп койгондо Кемелбай.

- Түнү менен өчүрбөсө акчасын ким төлөйт, сен анын кийимине табасыңбы же светкеби? Балдар чоңоюп келе жатат, улам сата бербей ошол эки уулуңду окутканга даярдансаң боло, кыз бала эмне окубаса деле эрге тийип жашап кетсе болот.

- Эрге тийет деп теңтуштарынан артта калмак беле?

- Андай бооруң ооруса байлыкты башынан жыйып койбойт белең, биртике малыңды ушуну кийинтем, окутам деп сата берип акырына чыга турган болдуң, - деп алкынып ордуна жата кетти.

- Андан көрө эки баланын сабагын карап койсоң боло, Шайыны болсо жугуштуу оорусу бардай ага жолотпойсуң, - деди Кемелбай.

- Күндүзү эле текшерип койгомун, алар жакшы окуп жатышат, сен алардын кандай экенин билбейсиң.

- Мейли уктай бер, - деп койду, анткени менен кызына жүрөгү ооруп жатты.

- Шайгүл, эмнеге кабагың бүркөө? - деди ага Амалбек эртеси сабакка баратканда, - Апаң келген тура ээ?

- Ким айтты?

- Апам кечээ күнү келгенин көрүптүр.

- Ооба, келген.

- Эми кетпейби?

- Жок.

- Мадыл дагы келдиби?

- Жок бүгүн алып келет.

- Сен эмнеге капасың?

- Жөн эле…

- Уруштубу?

- Жок.

- Ошону көргөндө жаман жиним келет, - Амалбек муштумун түйүп алды.

- Эмнеге? - Шайгүл эмелеги түнөргөн жүзүн жарк эттире ага карады.

- Ал келсе сенин көңүлүңдү чөгөрүп коет, жогу жакшы эле…

- Жо-ок, анын бары жакшы, үйбүлөбүз толук болот да.

- Баары бир, сени урушканы үчүн жек көрөм.

- Өз апам болгондо башка эле, мен ага таарынбайм деле.

- Эртең менин туулган күнүм, сен келесиңби?

- Апам жиберсе.

- Мен суранып келем ээ?

- Кимдер келет?

- Классташтарым, силердин класстан Бообек келет.

- Кыздар дагы барбы?

- Ооба да, баса сенин туулган күнүң качан, Шайгүл?

- Мен майда төрөлгөм.

- Чынбы?

- Ооба, - деп аңгыча мектепке кирип келе жатышып, экөөнү карап эки кыздын күлгөнүн көрүп унчукпай класска бөлүнүп кетишти.

- Шайгүл, акча чогулуп бүттү, түштөн кийин барабыз, - деди аны көрөөр замат Седеп.

- Мен баралбайм го?

- Эмнеге?

- Апам урушат.

- Келип калдыбы?

- Ооба.

- Оой жаман болуптур, ал сени эми окууга жибербей коеор…

- Окуудан калбайм.

- Чынбы?

- Атам айткан.

- Анда мейли, сенин атыңдан салам айтабыз.

- Ооба, келгенде өзүм айтам, - деп китеп-дептерин алып даяр болуп отуруп калды.

Кечинде даярдай албай калган сабагын окуп, даярдап кирди. Окуучулар ызы-чуу түшүп өздөрүнчө, Шайгүл аларга суктанып алат: "Апам тирүү болгондо мен деле ушулардай ой-санаасыз болбойт белем, эмнеге ал эрте өлүп калды экен, эми мени окуудан калтырса канттим, эжекеге калбайм деп убада берип койдум эле" деп дептерине үңүлүп отуруп ойлонуп жатты. Ошол убакта мугалим кирди, тапшырмаларды текшерип келип, Шайгүлдүн тапшырмасына беш коюп:

- Азамат, баарыңар Мусаевадай окубайсыңарбы, быйыл жалаң беш менен бүтсөң отличникке жетесиң, Шайгүл, - деди балдарга карап.

- Агай, менин тапшырмам так эле го?

- Сенде эки ката бар экен.

- Эмкиде мен дагы так чыгарып келем, Мусаевага жете албасам элеби? - деп Сагынбек деген бала атаандашып калды.

- Азаматтар, атаандашуу эң сонун, бири-бириңе атаандашып окусаңар билимиңер терең өсөт, жетишкендиктер көп болот, кызыгууңар артып баарыңар алдыңкы окуучулардан болосуңар, - деп мугалим сабагын өтүп жатты.

Сабак бүтөөрү менен Шайгүл бир аз отуруп бүгүнкү тапшырмасын аткарып кирди. Кирүү болгончо даярданып болуп эми чыгаарында Амалбек класстын эшигин ачты:

- Сен эмнеге кетпей отурасың?

- Сабакка даярдандым, сен кете элексиңби?

- Сени күтсөм жоксуң, анан кирип көрөйүн дегем.

- Аа-а, - деп экөө ээрчише сыртка чыгышты. Катар басып сүйлөшүп келе жатышкан, Оңолкан короонун жанында коңшусу менен сүйлөшүп турган эле, алар ылдамдай басып кирип кетишти.

- Өлүгүңдү көрөйүн селпейген, дегеле эмитен эркек жандуусун кара, мындайыбызда балдар менен бирге басмак кайда? - деп ага акшыя караганда Сонун:

- Койсоңчу Оңолкан, азыр заман башка, биздин убак таптакыр бөлөк болчу, анын үстүнө Амалбек экөө бир окуйт эмеспи, тырмактайынан ынак дегеле, экөө жетелешип алып ойносо Маржан менен Гүлүйпа кыйын сүйүнүп калаар эле, буйруса кудагый болобуз деп, - деди күлгөн болуп, - Байкуш Гүлүйпа тилегине жетпей өлүп кетпедиби?

- Ушуну эр алаарын кудай билет? - деп Оңолкан сүйүнкүрөбөй үйүнө кирип кетти.

Анын бул түрүн көргөн Сонун.

- Бечаранын шору көп тура, өз энеси кызынын караанына жалынып турбайт беле, мунун айтканын карачы, - деп алып, ал дагы үйүн карай басты.

Шайгүл кийимин алмаштырып жаткан, Кемелбай жок болчу. Туугандары той өткөрмөк болуп кеңешке чакырып кеткен.

- Эй каракчы, кенебей эркек бала менен жолдо келе жатканың эмнең ыя, бизди жаман атты кылгың барбы? - деп Оңолкан алкынып кирип келди, - Жашабай жатып эркек жандуусуң го өлүк тиригиңди көрөйүн селпейген, - Жетип бир муштады.

- Эмне болду, апа?

- Апа дегенден айлан, тиги Уйчубайдын баласы менен эмне келдиң, уялбайсыңбы ыя?

- Апа, мектептен чыкканда чогуу чыгабыз…

- Мектептин балакетин ал ий, дегеле окумушчулун мунун, эртеңден баштап окууга барбайсың, мен күң болуп келдим беле? Үйдүн тиричилигинен тажап кеттим, сен чойкоюп окумуш бол, мен жанымды жанга уруп жумуш жасайын.

- Эмнеге апа, окуудан калба деген зам директор эже.

- Ошо башка балдарды окута берсин, атаң эчтекеге жарабаса, сен мага жардам бересиң да?

- Сабактан кийин деле жардам берип жатам го?

- Тилиңе тибиртке чыккыр десе, - Оңолкан аны чачтан алды, - Мага тил кайрый турган болуп калдыңбы ыя?

- Апа-а!

- Өлүп кет, сени көргөндө итиркейим келет, мындан ары үйдөн чыкпайсың! - деп чачын кое берип жонго бир коюп, эшикке чыкмак болгондо алдынан кирип келе жаткан Кемелбай ага катуу айтты:

- Сен аны көргүң келбесе бар азыр, дагы кордой баштадыңбы, окутпай койчу сен эмес!

- Тим эле аңдып тургансың го, кызыңдын ээнбаштыгын билбейсиң, чак түштө жашабай жатып Амалбек менен келе жатат, тууп кетсе эмне кыласың ыя? - деп Оңолкан кайра ага алкына кетти.

- Басса басат да бирге окуса, коңшубуз экөө бармактайынан бирге чоңоюп келе жатат, ага эмеле ичиң бышып жатат?

- Ээнбаш кызыңды өзүң билчи, көрөсүң тууп кетпесе мага кел!

- Оозуңа таш, жаман тилегиң өзүңөн кетпесин, - деп Кемелбай таягын жөлөй отура кетти, - Катын албай эле балаа алган экенмин го?

- Ооба, башыңарга балаамын, ушуну билип кой, жетимиң экөөңөргө далайды көрсөтпөсөм элеби?

- Жоголчу, - деп койду Кемелбай, андан ары ага теңелгиси келбеди, - Кызым, тигинде тамак бар, ичип ал, анан тиги Сары атаңдын келинине барчы, баланы алып турсун деп жатат.

- Макул, - деп кийимин которунуп жашын сүртүп мештин үстүндөгү кострюлдан тамак куюп ичмек болгондо Оңолкан кайра алкынып кирди:

- Бул тойлоп кетсин, мен малды карап, торпок тосуп шыйрагымды шакылдатып жүрөйүн.

- Сен элге аралашпасаң, бала неме барып жардам берсин, сен өзүң эле болосуң да? - деп ого бетер өчөшө айтты Кемелбай.

Кыжы-кужу болуп жатып акыры Шайгүл Сарынын үйүнө жөнөдү, ал бир аз болсо да эс ала түштү. Кемелбай иниси менен сүйлөшүп келген үстүңкү көчөдө тургандыктан анын баласын карашып ошол жактан окуганга макул болгон. Эртели-кеч көрүп турам деп ойлоп инисинин үйүнө коймок болуп макулдашканын айткан жок. Сары менен Кемелбайдын атасы бир тууган. Сары андан он жаштай улуу, эң чоң баласы үйлөнүп бир баласы бар, уул-келини экөө тең мугалим, колундагы баласы бир жашка жаңы толгон. Руслан менен Сауле ынтымактуу жаш үйбүлөдөн. Шайгүл алардын үйүнө келгенде Сауле жакшы тосуп алды.

- Кел Шайгүл.

- Келдим жеңе.

- Акем сага ачык айттыбы?

- Эмнени?

- Биздикинде биротоло калаарыңды.

- Жок, бүгүн жардам бер деди.

- Аа-а, жеңемден тартынса керек?

- Билбейм.

- Кел, өйдө өт, Бакайды алып турчу, мен тигил үйгө барып жардам берип келейин ээ?

- Макул.

- Сенин сумкаң менен кийимдериңди да ала келем.

- Үйгө барасызбы?

- Жок, акем алып келип берет, - деп чыгып кетти Сауле.

- Иий да, - деп там-туң басып калган Бакайды алып ичинен кубанганы менен: "Атамдын жанын койбойт эми, мени аяганы менен өзү кыйналат го" деп ойлонуп жатты. Бакай абдан кежир, ыйлаак эле, оюнчуктары менен алаксытса да болбой чалкалап ыйлап шайын кетирди. Чоочуркаган окшойт, көптөн кийин уктап калды. Шайгүл аны жаткырып телевизор көрүп диванга отуруп ойлоно берди. Түн бир оокумда келишти Руслан менен Сауле. Шайгүл Бакайдын жанында уктап жаткан. Сауле аны ойготуп тамак берди:

- Эртең той эми, сен окууга барасың да?

- Ооба.

- Мен жооп сурагамын, сенин агайыңа айтып коеюн, барбай эле койбойсуңбу?

- Макул.

- Анда Устакул агайга сөзсүз айтам, сен коркпо ээ?

- Сен келген эле күнү сабагынан калтырсаң жеңеңден өтүп кетесиң го? - деди Руслан тамашалай.

- Койчу Руслан, мен агайга айтып коем да, Шайгүл башкача ойлоп калбасын?

- Тамаша кылам, - Шайгүлгө карады, - Эртең атамдар келин той өткөрүп жатпайбы карындашым, болбосо баланы апам багып, биз иштеп жаттык эле, каралашпаса да болбойт го?

- Билем аке, түшүнөм.

- Азамат карындашым, сени апаң окутпайм деп жатабы?

- Иий…

- Эмнеге?

- Үйдөгү жумушту жасайсың деп.

- Акылы жок аял экен, бүгүн чакырсак дагы келбей койду.

Шайгүл үндөгөн жок.

- Өзүнө жаман, ушу жаш кыздын эмнесине өгөйлүк кылат десең. Өзү өлүп калса жанагы балдары кандай күнгө туш келет деп ойлобойбу? - Сауле жини келе сүйлөдү.

- Өлбөй эле койсунчу жеңе, эч кимдин жетим болушун каалабайм, - деп ийди Шайгүл.

- Деги айтам да, өзүнүн балдарындай көрбөйбү?

- Мейли, эми карындашым биз менен болсо кантээр экен.

- Атамдын жанын койбойт го?

- Анда ортого алып туруп кетирип ийиш керек.

- Инилерим кантет, атасыз же апасыз болгон жаман да…

- Ошону ойлонбогон өзүндө да, - деп Руслан ордунан турду, - Кой жаталы, эрте турабыз, Бакайчик ойгоно элекпи?

- Жок.

- Карды токпу, эми Шайгүл эжесине көндүрүш керек.

- Ооба, эртеңден баштап эжеси менен болот Бакайчик, - деп күлүп коюп Сауле менен Руслан өз бөлмөлөрүнө кирип кетти.

Шайгүл аппак шейшепке оронуп Бакайдын жанына жатып калды. Ошол түнү эртең менен ойгонду Бакай, бул кезде Сауле эрте туруп тамак жасап жаткан, баланын үнүн угуп кирип келди:

- Бакайчик, садагам менин, ачка болдуңбу, кел-келе гой! - деп көтөрүп ала койду да ашканасына чыкты. Шайгүл туруп кийинип алып жуунуп кайра кирди. Тамактанган кийин экөө ээрчише Сарынын үйүнө жөнөштү, Шайгүл Бакайды алып үйдө калды. Көңүлү көтөрүлө баланы көтөрүп алып сыртка чыгып, эки жакты карап турса Оңолкан келип калды:

- Биерде эмне кылып жүрөсүң селпейген жинди, эртерээк үйгө бар, кечиксең башыңды жулуп аламын, баласын биз үчүн төрөсө дагы.

- Алар тойдо, кечинде келет го?

- Келбесе койсун, ага милдеттүү белең, үйдөгү жумуштар калды, мен окуудан кал десем ыйлап өлүп кала жаздайсың, эми кантип кала бердиң, өлүгүңдү көрөйүн өлүк десе, - деп каарый каргап-шилеп кайра жолуна түштү, - Тез бар эй, өлүк!

- Келгенде барам.

- Алар келгиче отура бермек белең анан?

- Баланы кайда таштайм?

- Алпарып бер!

- Сиз тойго барбайсызбы?

- Тою менен томуран калсын, кайсы каадалуу тоюна бармак элем, кыйраткан туугандары барсынып айтканын кара, - деди да жолуна түштү.

- Өх, - деп алды Шайгүл, - Бул мени биерге койбойт, - Анан үйгө кирди, балага сүт берип уктатып өзү телевизор көрүп отуруп: "Эми дагы келет, жеңеме барсам окшойт, эми келсе мени урат" деп коркуп кийинип алып Бакайдын ойгонушун күтүп калды. Ал тойго Шекергүлдөр дагы келген. Кемелбайга жолугуп сүйлөшүп отурганда:

- Жеңем келдиби? - деди Шекергүл.

- Келген.

- Биерде көрүнбөйт го?

- Келбей койду.

- Эмнеге?

- Кыялы да…

- Кызык, тууган-урукка катышпаса анын эмнеси аял?

- Тим кой өз билгенин кыла берсин, мен кошумчамды кошо берем, акылсыз болсо ызаат-сыйдан калат да өзү.

- Шайгүл окуп жатабы?

- Окуп жатат, аны Русландын үйүнө жөнөттүм, болбосо аны кордоп койду, ошол кызга асылганын деле койбоду, - деп үңкүйө жер карады Кемелбай, - Кетирип ийсем кайра келди.

- Мен Шайгүлдү өзүм алып кетем аке, сен дагы санааркабай тынч жаша, бир кызды батырбай эмне.

- Мейли, менин аргам калбады, көрүп туруп чыдай албайм..

Алар сүйлөшүп отурганда Бакайды көтөрүп Шайгүл кирди. Аны көргөн Шекергүл тура калып баланы ала коюп сиңдисин өөп:

- Чоңойдуңбу, иниңди багып жатасыңбы? - деп наристени эки ууртунан өөп жатканда Сауле кирди:

- Оо-ой, эжем биздин баланы көрүндүксүз эле көрүп алдыбы?

- Берем-берем, келип көргөнгө эч кол бошобойт, - Шекергүл Бакайдын көкүрөгүнө жүз сом кыстарды, - Инимди жөн эле көрбөй калайын.

- Эмне болду Шайгүл, Бакайчик ыйладыбы? - деп эми Сауле Шайгүлгө карады.

- Апам келип "баласын ташта да үйгө бар" деп урушуп кетти, - Шайгүл жер карап жооп берди.

- Эми ошол жакка барып калдыбы? - деп Кемелбай таң кала кызын суроолуу карады.

- Жана келип "кайра келбейин, тез барып кал" деп кетти.

- Кудай урган аял экен да, же эл менен мамиле жасай албаса, той-топурга чакырса келбесе, эмне деген аял экенине түшүнө албай калдым, күчүн ушу кызым экөөбүздөн эле чыгарат, же кетип да калбады… - Кемелбай өзүнчө күңгүрөнө отуруп калды.

- Ушул жерге келип көрсүн, анын көзүнчө Шайгүлдү өзүм алып кетем, - дешип бир бөлмөдө Шайгүлдүн тагдыры ала салып кимисине барып токтолоору белгисиз күпүлдөп жатышты.

Кемелбай кызын жанынан чыгаргысы жок, Русландыкына койсо Оңолкандын кайра-кайра бара берээри бышык. Акыры туугандарына кеңешип, төркүндөрүн чакырып ортого салмак болуп токтошту. Ал күнү той кызуу жүрүп, алыш-бериши көп кадырман адамдар болгондуктан куда-сөөктөрү келип, дос-жар, туугандары тойдун шаан-шөкөтүн чыгарып жатты. Шайгүлдү балдар менен бир бөлмөгө отургузуп, тамак-ашты алар менен чогуу ичип көңүлү ачык жүрдү. Кечке маал сырттан ажылдаган аялдын үнү угулуп жүрөгү болк этип алды, ал Оңолкан болчу.

- Шайгүлдү бошотуп бергиле, үйдө иш калды, - деп ал келип эле Саулени издеп таап атырала сүйлөдү.

- Оо-ой жеңе, киргиле үйгө: "Тойго куш канатын салып өтүптүр" деген го илгертен, ушу жерде туруп чакырса келбейсиз, даам ооз тийиңиз жок дегенде, - Сауле ага күлө бага кайрылды.

- Тоюңар өзүңөргө буйрусун, кызымды бошоткула, ал силердин күңүңөр беле?

- Күңү эмес кызы, бул үй анын чоң үйү билсеңиз, төркүнү жок кыз болмок беле, Шайгүлдүн келчү жери, экинчи үйү ушул! - деп Сауле жини келе айтканда ар жак, бер жактан аял-эркектер чогула түштү.

- Эмне болду ыя?

- Ким экен бул?

- Эмнеге келиптир?

- Аа-а, тиги майпар акемдин аялы тура, - деди бир улгайган аял кайра артына баса.

- Ии-ий, ошо майпар агаңарды сыйлабаганыңар үчүн кызын күңдөй жумшап алгыңар барбы? Кое бер, алып кетем, атасынын жаманын билип алып кызын жумшап жатасыңар! - деп Оңолкан жулуна үйгө кирип баратканда Сарынын аялы жетимиштерге таяп калган Өсөркан каршы алды:

- Оңолкан келдиңби, кир-кир үйгө, даам сызып чык.

- Даамыңар өзүңөргө буйрусун, Шайгүлдү үйгө жибергилечи, мен аны биерге койбойм! - деп ичкери карай жүткүнө үн салганда анын үнүн угуп Кемелбай чыга калды:

- Эмне эле айгай саласың, кирип даам сыз дегенден кийин кирбейсиңби?

- Сен отура бер, кардыңар тойгон жерге кызың экөөңөр тең келип алганыңар эмнеңер ыя, үйдө мал каралбай калды, иш калып жатат.

- Сен өзүң эмне кылып жаттың?

- Мен ойноп жаттым, чакыр Шайгүлдү.

- Ал барбайт, оокатты өзүбүз кылабыз, болду кыйкырбай үйгө жөнө, Шайгүл мындан ары үйгө барбайт!

- Эмнеге? - Оңолкан делдейе карады.

- Ошого, үйдө коноктор бар, ызы-чуу кылбай кирип тамак ич, же үйгө бар, - деди Кемелбай ага.

- Мен аны тайраңдатып кое бербейм, шашпагыла силерге элеби, тапкан экенсиңер айбанды, - деди да Оңолкан кайра артка чыгып кетти.

Бири-бирин карап үнсүз туруп калышты. Кемелбай ордуна отуруп башындагы калпагын алып сыйпалап үнсүз кызын жалдырай карап турганда Сары кирди, анын артынан Өсөркан кирди. Унчугушпай отуруп кызды бир, Кемелбайды бир карады да Сары сөзгө өттү:

- Сени жаш кызы менен кыйналып калат деп ушул аялды биз алып берген элек. Кошо жашабагандан кийин билбейт экенсиң, көрсө ал экөөңдү кыйнап бүткөн экен да…

- Балакет баскырды жакшы келин десе эле алып бере салдык да, эки уулду төрөп койду, эми эмне кыласың, бала? - деди Өсөркан Кемелбайды карап:

- Эки баланы ойлоп кыйналдым, болбосо эбак эле жоготмокмун, бармактай кызды батыра албады, - башын жерден албай үңкүйө айтты муну.

- Аке, эми алтымышка чамалаганда аял кетирип эмне кыласыз, балдарга деле убал, мен Шайгүлдү шаарга алып кетейин, Русланга деле койбойт, бара берип тынчын алат, урушуп-талашып каласыңар, - деди Шекергүл.

- Туура, Шекергүл туура айтат, сенин да биздин да жаныбызды койбой бара берип тынчты алат, көзүнө көргөзбөй алыс алып кетсеңиз ошондо жаны жай алсын, - деди Руслан.

- Мен атамды таштабайм, апам урушуп жанын койбойт, эмне десе ошого макулмун, жумушун жасай берем, иши кылса атамдын кайгырганын көрбөсөм болду, - деди ошондо Шайгүл ыйлай, - Эч жакка барбайм, мен чоңоюп калбадымбы?

- Сени чүнчүтүп бүтөт кызым, кийим-кече алып бергизбей кулак-мээни жейт, окутпай эле кой, - деп какшайт, деги өзү кандай жан экенин түшүнбөйм…

- Окубаса окубай деле коем, атамдын жанында болом, - деп ыйлап жатканда бирөө эшикти ачып:

- Коноктор бата кылабыз деп жатат, - дегенде Сары менен Өсөркан туруп чыгып кетишти.

Шекергүл ойлуу отуруп Шайгүлдү жанына отургузуп алып аста гана көндүрмөк болду. Кемелбай аларга карады:

- Үйгө баралы, Оңолкандын жанында угуза чечебиз, Шайы сен барбайм дебегин, мени өлтүрүп ийбейт, биерде туугандар турат, сен ээн-эркин өсүп, сабагыңды окушуң керек, эжең менен кеткениң оң.

- Ата…

- Кой кызым, мени эмес, өзүңдү, келечегиңди ойлон, эжелериң туура айтып жатат.

Ошентип отурушканда аларга кайрадан табак тартылды, Шекергүл чоң кошумча менен күйөөсү экөө тең келген, Жумабек сыртта жүргөн, аны чакырып келишти. Коноктоп отуруп дагы Шайгүл жөнүндө сүйлөшүп отурушту. Андан кийин Кемелбай карындашын күйөөсү менен ээрчитип үйүнө келди. Алар менен кошо ага-иниси аялы менен Сары, Өсөркан менен чогуу келишкенде Оңолкан аларды ормое бир карап алып Кемелбайга акшыя:

- Ийи, сен той өткөрүп жаттың беле, үйүңдө сындырым нан жок, мынча кишини эмнеге ээрчитип келдиң?

- Балам, биз нан жегени келген жокпуз, кеңешкени келдик, - деди Сары отуруп жатып.

- Кемелбайды эми эстеп калдыңарбы, эми киши болуп көрүндүбү, бир кезде бармактай кыз менен калганда кимиңер каралаштыңар эле, эми кызы чоңоюп, балдары окуп калганда адам катарына кошкуңар келдиби?

- Оңолкан, байкап сүйлө, ушунун ал-абалына карап, бармактай кызга эне ордуна эне болсун деп сени биз алып бергенбиз. Тууганын тууган дебедиң, же ушул кызды жакшылап карай албадың, сени жакшы аял экен десе акылың жок тура! - деп Өсөркан аны кага сүйлөдү.

- Кызына эне болбой өлтүрүп койдумбу, желмогуздай болуп өзү, мага боор бербеген, - деп булкуна карады, - Эй өлүксүз, арызданып кайда барып батасың ыя? - Шайгүлгө акшыйып уруп ийчүдөй болгондо Сары тамагын кыра минтти:

- Сен балам, биздин көзүбүзчө ушинтип алкынып жатасың, кыздын жүрөк суусун алып бүткөнсүң го. Биз чогулуп кыздын тагдырын чечкени келдик, силер өз оокатыңарды өткөргүлө, Шайыны эжеси шаарга алып кетсин, биз ушундай чечимге келдик.

- Эмне, эчтекеге жарбаган иниңерге күң болот бекенмин, кызы атасын карайт, эч жакка барбайт, эгер ал кетсе мен да кетемин, малын багып, кирин жууп отуралбайм!

- Анда макул, эки баланы ташта да өзүң кете бер! - деди ошондо Кемелбай, - Ансыз дагы сенден тажап бүттүм, эртең төркүндөрүңдү чакырып кошуп берем.

- Ики кудай ай, ошончо акыбалга жетип калдыңбы, мени жинди деп турасыңбы эки баланы таштап басып кете берген. Сенин кызың эле жетим боло берсин, мен балдарымды жетим кылбайм, - деп булкунган Оңолкандын кеп жебесин билгенден кийин төркүндөрүн чакырып чечишмек болуп тарашты.

Шекергүл менен Жумабектин көзүнчө унчукпай калды. Анын үстүнө төркүндөрүн чакырмак болгонго ичинен буулугуп, жинин кимден чыгараарын билбей жатты. Шайгүл сабагын ээн-эркин даярданып эртеси мектепке кетти. Түшкө маал Оңолкандын ага-жеңеси менен иниси келип калышты. Кемелбай ага-инилерин Адылды жөнөтүп чакыртып алды. Сары менен Өсөркан тез эле жетип келишти. Кемелбайдын иниси Эдилбай да өтө жоош неме, ал да келип баары чогулгандан кийин Оңолкандын агасы Итибай сөз баштады:

- Кудалар, тойго чакырган экенсиңер келе албадык, кечиргиле бизди, эми чакырган жайыңарды түшүнсөк, уксак…

- Куда, сөз жакшы башталды, тойго эртели-кеч келе бересиңер, "аса карыбайт, алтын чирибейт" демекчи, той деген жакшылык, - деди Сары, - Оңолкандын келгенине мына он жылдай болуп калды, бүлө кылабыз, эл менен эл болот, кызыбызга эне ордуна эне болот деп алганбыз, жаман оюбуз болсо ушинтмек белек…

- Табышмактатпай ачык айтыңыз куда, эне ордуна эне болду го менимче, эки уулдуу да болушту.

- Ооба, жаман уулдары турат, бирок Оңолкан кызды кордоп койду. Бармактай кыздын эмне күнөөсү бар? Жакшы эне боло алган жок, аш-тойго чакырсак басып барбайт, инимдин төкөрлүгүн айтып тура калат, элден-журттан чыгарды…

- Ушуга чейин бир айтылган жок эле…

- Эсине келээр, балдары турат дедик, анын үстүнө жакасы бөлөктүн жаны бөлөк тура, биздин жашоо-тиричилигибиз өз-өзүбүзчө, баарын Кемелбай көтөрүп, кызы үчүн жаны кейигенде быйыл Оңолкан экөө уруша кетип барып келди го? - деди Сары Итибайды карап.

- Жөн эле келдим деп жүргөн.

- Ошо, кийин өзү келгенде тим койдукү. Шайгүлдү окууга жибербейт, өзү жатып алып уй саадырып, торпок кайтартат, бармактай кыз ошого да кайыл, башы биттеп үстүнө кийим которулбады, - деп баарын айтканда Оңолкан кыялы кармап айкырып кое берди:

- Жетимине болушуп эки баланы кечип кетээр бекен, ошол желмогуздун айынан эле уруш болот.

- Болду, сен биерге туралбай калыпсың, кийин кеттик!

- Азыр, балдарды кийинтейин…

- Тим кой, балдарды атасынан ажыратпа, өзүңдү алып кетебиз, - деп ачууланды Итибай.

- Ыкы, биз барбайбыз, атам менен эле калабыз, - деп Адыл инисин колдон алды, - Барбайбыз ээ?

- Ооба, барбайбыз.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, бала энеге жакын болчу эле, жыргап кеткениңерди көрөөрмүн, - деген Оңолкан кызаңдай ички үйгө кирип кетти.

Ошол убакта Шайгүл окуудан келе жатып бакылдаган үндөрдү угуп босогого туруп калды.

- Мейли кудалар, жаман-жакшы айтышканда эмне, балдар атасы менен болгону жакшы. Эси жок болсо да биздин бир тууганыбыз энеси турат, талаага таштабайбыз, тынч өмүр сүрүңүздөр, - деп Итибай ордунан турганда Шайгүл кирип келип:

- Ушунун баары мен үчүн болуп жатат, апамды кетирбегиле, мен апам эмне десе аткарам, окууга деле барбайм, апамдан ажыратпагыла! - деп ыйлап ийди. Ошол кезде кийинип алып бөлмөдөн чыгып келе жаткан Оңолканды кучактап калды эле ал түртүп ийди, - Апа, мейли мени кандай жаман көрсөңүз да мен сизди жакшы көрөм, эч жакка кетпеңиз! - деп кайра тизесине жармашканда Өсөркан жетип аны өйдө кылды:

- Кой кызым, ыйлабай эле айта бер, апаңды атайын кетирген жокпуз, калса үй-жай ошонуку, силерди муңайтпай караса эле болду да?

- Мейли мени урсун, сабап өлтүрсүн, баары бир апамды мен жакшы көрөм, мен дагы эч жакка барбайм, окубайм дагы, апам үйдө болсо болду, - деп ыйлап жатканда Оңолкан кызыктай акыбалда калды: "Кызык, мен канчалык жек көргөнүм менен дайыма апалап турат, неге мени ушунчалык жакшы көрөт? Бул үйгө келгени жакшы сөз айтпадым, чекесинен сылабадым, дагы эле мени кетпе дегенин кара" деп ойлонуп калганда Сары:

- Оңолкан, ушул кыз сенден канчалык ызгаар көрсө дагы кетиргиси келбей жатат, балага эненин мээриминен өткөн улуу нерсе жогун өзүңөр көрүп турасыңар, баланын назарын сындырбайлы, куда эми да бир көрөлү: "Эрин эр, баланы бала, элин эл" деп сыйласын, өз үй, өлөң төшөгүндө жашай берсин, кандай дейсиңер? - деп Сары эки жагында отургандарды карады.

- Туура, жеңем дагы ойлоноор, өзү деле эне эмеспи, эки балага төккөн мээриминин үчтөн бир бөлүгүн Шайгүлгө арнап койсо эмеле бойго жетип өз жолун табат эмеспи кыз бала, - деди Эдилбай.

- Өзү эмне дээр экен, Оңолканды угалы, - Өсөркан сөзгө аралашты.

- Ооба, өзү да оюн айтсын.

- Мен эмне дейин, - деди жоошуй Оңолкан, - Менден кеткен болсо кечиргиле, мындан ары катамды оңогонго аракет кылайын…

- Кызды мектептен калтырба балам, азыр илгерки заман эмес, өз теңтуштарынан калтырып койбо. Күйөөңдү, балдарыңды сыйлап, ушул эл менен эл болсоң биз сени кантип эле четке калтыралы, - деди да, Сары иниси Кемелбайды сыртка алып чыкты.

Анан бир аздан кийин улак союп конок камын көрүп жатышты. Аңгыча Өсөркан тойдун кешиги деп табак толо эт-ашты ичкилиги менен кошо көтөрүп жетип келди. Бака-шака болуп көпкө отурушту, бир кезде Итибай Оңолканды тамдын артына ээрчитип барып:

- Сен эми жаш эмессиң, кичиникейинен бактың ошо кызды, ошончолук жоксуңбу? Дагы сени ошол коргоп калды, экинчи бир ушундай сөз укпайын, эгерде уксам сени баягы оруска берип, аны үйгө кул кылып алам да, балдарыңды көргүс кылам, - деди.

- Аке, эми андай болбойт, ушул жерден өлүгүм чыксын, ачууланбай кет, аке.

- Болду, кызды өз бооруңа тарт, аял батам деген жерине баш оту менен берилиши керек. Кыркка чыккыча кандай эсиңе кирбедиң? Апам да сен үчүн ойлонуп азап тартып бүттү, тынч жашагын! - деди да ары басты.

Ошентип алар сый көрүп, анын эртеси Сарынын үйүнө конок болушту. Оңолканды алар менен бирге чакырып алды. Аз болсо да өз катасын мойнуна алып жоошуй түштү, бирок негедир анын Шайгүлгө болгон жек көрүү сезими ошол бойдон калды. Сабагына баратканда аны ар дайым Амалбек күтүп туруп чогуу кетишет, келе жатканда бирге келет. Аны көргөн Оңолкан бир күнү Кемелбайга:

- Бу Шайгүлгө бирдеме десем да көңүлүңө аласың, чоңоюп баратат, ар дайым Амалбек экөө бирге кетет, бирге келет, кийин бир башыбызга балээ болуп жүрбөсүн? - деди.

- Койсоңчу, булар азыр бала, бала кезден бирге чоңойду, анын эмнеси бар, бир туугандай ынак, аларга көңүл бурбай эле кой.

- Ким билет, жүрүп-жүрүп бир балээ болуп кетсе…

- Кандай балакет болмок эле, Уйчубайдын балдары бүт тартиптүү, жаман ойду ойлой бербе.

- Иши кылса айттым-койдум да… - деп Оңолкан дасторконун жыйып жатты.

Шайгүл мектептен кечикпей келип, дароо эле айттырбай өзү билип жумушка киришет, бала болсо да үйдө уруш-талаш болуусун каалабайт. Сабагын мектепте калып түштөн кийинки окуучулар киргенче даярдап алып келет, өзүнүн кийимин таза жууп, ал тургай караңгы түшкөнчө торпокторду караганга дагы жетишет. Биринчи чейректе жалаң беш чыкты. Амалбек экөө сабактан келгенде дагы торпок карап чогуу барып китеп окуп, кээде ойноп калат.

- Шайгүл, - деди Амалбек ошондой күндөрдүн биринде.

- Эмне болду?

- Сага эми жакшы болду ээ?

- Ооба, апам мени жакшы көрөт.

- Чынбы?

- Чын айтам.

- Сабакты эмнеге мектептен даярдап келесиң анан?

- Жөн эле…

- Дайыма көрөм, сени күтүп турам.

- А сен күтпө.

- Кантип, сенсиз келе албайм.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Апам урушуп жатат, сага айтайын дегемин.

- Эмне деп?

- Ошону.

- Эмнеге урушат?

- Кыз бала менен эркек бала бирге көчөдө баскан уят болот дейт, элге кеп болосуң деген.

- Кызык, менин ата-энем унчукпайт деле.

- Ал эми сенин өз апаң да, Амалбек.

- Мм… - Амалбек унчукпай калды.

- Эгерде өзүмдүн апам өлбөгөндө мени дагы урушмак эмес. Эч нерседен коркмок эмесмин, атам үчүн гана апамды кетирбей алып калдым…

- Капаланба, апаң өлсө атаң бар да, сен аябай бактылуу болосуң, Шайгүл.

- Билбейм Амалбек, мендей жетим кызга ким үйлөнөт, эч ким мага карабайт го, боор ооруганын көргүм келбейт, - деп улутуна туруп жөнөдү, - Сен кете бер, эгер сенин мени менен талаада болгонуңду билсе атам экөөбүздүн кулагыбыз калбайт.

- Макул, мен алдыга кете берейин ээ? - деп Амалбек жолундагы таштарды тээп ойногон бойдон алдыга кете берди.

Оңолкан канчалык Шайгүлдү жек көрсө да төркүндөрүнө кайра баргандан, андан дагы эки уулунан ажырап калуудан коркуп жүрдү. Билинбей арадан үч жыл өтүп кетти. Шайгүл сегизинчи класс болуп экзамендерин жалаң бешке тапшырды. Класс жетекичисине жолуккан Кемелбай кызын окууга жөнөтмөк болуп, документин даярдап жатканда Оңолкан күйүп-бышып жатты:

- Кыз баланы окутканда эмне, андан көрө үйдө эле болсун, дагы эки жыл окуп онунчуну бүткүчө да көрөөрбүз, шаарга жөнөтпөй эле кой.

- Жок, эки-үч жылдык окууну бүтүп алсын, кийинкисине жакшы, өмүр бою колубузда жүрө бермек беле, бир жерге барса да өзүнө тың болот, - деп Кемелбай ага моюн бербеди.

- Эмнеге эле окута-ам, окутам дей бересиң, аз болсо да жардамы тийсе болот эле го, ансыз деле бирөөнүн бүлөсү болуп кетет бир күнү.

- Кетсе кетет да, ыйлабай турган жерге барса болду, балдар чоңоюп калды, мал-салды ошолор карап жатат, үй ичин өзүң жасай албай не болдуң, - деп эшикке чыгып кетти.

Жини келсе да Оңолкан ашыкча сөз айталбай туттуга артынан чыгып, короонун оозунда Шайгүл менен Амалбектин турганын көрүп жарылып кетти.

- Мына, кызыңдын ээн баштыгын билбейсиң, каратып туруп уялбай эркектер менен сүйлөшөт, шаарга барганда мунуң тууп кетпесе мага кел!

- Бас жаагыңды, балдарга эмне эле тийишесиң, турса тураар, сүйлөшө турган сөздөрү бар да, - деп экөө жаакташып жатканда тигилер дароо бөлүнүп кетишти, - Ушу кыялыңды ташта дебедим беле?

- Эмне кылсаң ошо кыл, кааласаң кызыңды төрүңдө төрөтүп ал! - деген Оңолкан ары басып кетти.

Шайгүл үйгө ыйлап кирип кийимин чечинип жатып: "Эмнеге эле мени ушунчалык жек көрөт, жаман сөздөрү сөөгүмөн өтүп чучугума жетсе да "апа" деп отурам, атама жаман айтпаса дейм. Кой, атамдын тилин алып шаарга кете берейин, болбосо дагы жаман сөздөрү көбөйөт" деп которунуп алып өз ишине киришти. Кийинки кездери ал жаткан жерин да жыйбай калган, сабактан келип анан жыйып, шыпырат күндө. Эшикте атасы экөө урушуп жатканда ал үй жыйнап, кайра отко чай койду, идиштерин жууду. Аңгыча ойноп жүргөн Адыл менен Мадыл үйгө кирди, Адыл бир аз эсине кире түшкөн:

- Тигилер эмнеге урушуп жатат, элден уялышпайт экен го, - деп кабагын сала отуруп калды.

- Алар эжем үчүн урушат да, бу кеткенден кийин кантээр экен? - деди Мадыл чоң кишидей жооп кылып.

- Сизди бул үйдөн жоготуп алышса бизге киришет чыгаар…

- Силерге эмнеге асылсын, тил алчаак болсоңор болду, атамды кейитпегиле, чоңоюп калдыңар го ээ? - Шайгүл инилерин жылмая карады, - Мени угасыңарбы?

- Ооба, сиз окуй бериңиз.

- Апам атамды урушса биз турбайбызбы?

- Азамат, менин бир туугандарым, - деп экөөнү өөп, - Апамды эмне себептен жакшы көрөм, билесиңерби? - деди.

- Жо-ок.

- Эмнеге?

- Силердей бир тууган таап бергени үчүн…

- Аа-а, - деп койду Адыл.

- Сиз бизди аябай жакшы көрөсүзбү?

- Аая-бай, - деди кубанычтуу жылмайган Шайгүл.

Ошол кезде Оңолкан кирди.

- Эмне эле кужурашып жатасыңар?

- Жөн эле отурабыз, - деп койду Адыл.

- Сен окууга барам деп эмне ээлигип жатасың ыя? - Шайгүлгө карады.

- Бара берсин, апа.

- Окуйт да, - деп эки уулу эки жактан чыкканда Оңолкандын күйбөгөн жери күл болуп кетти.

- Силердин ишиңер эмне экен, сабагыңарды окугула барып, мен муну менен сүйлөшөм, - деп аларга ачууланганда Адыл туруп баратып.

- Апа, эжемди тилдебеңиз, ал эми чоңойбодубу, анте берсең биз сизди жаман көрүп калабыз, - деди эле:

- Омэ-эй кар-ракчы десе, карасаң муну, ийи дагы эмне дегиң бар? - деп делдейе калды.

- Туура айтат, Шайгүл эжем чоңойду, биз баарын билебиз, эми урушсаңыз биз болушабыз, - Мадыл да ушинткенде Оңолкандын оозуна сөз кирбей эмне кылаарын да билбей туруп анан эшикке чыгып кетти.

Шайгүл унчуккан жок, ал кийим-кечесин даярдап жаткан, Кемелбай болсо акча даярдап жүрөт. Эртеси жолго чыкмак. Эшикте жүргөн Мадыл кайра кирип:

- Эже, сизди Амалбек аке чакырып жатат, - деди.

- Эмне кылат экен?

- Билбейм.

- Азыр.

Сыртка чыкса короонун оозунда Амалбек туруптур, эки жагын каранып басып барды:

- Эмне болду, апамдын сырын билесиң…

- Шайгүл, качан жөнөйсүң?

- Эртең.

- Кечинде атаңдар уктаганда чыксаң, сүйлөшөбүз, - деп шыбырады Амалбек.

- Кеч болуп калсачы?

- Баары бир күтөм.

- Апам билип калса дароо чуу көтөрөт, бир шылтоо таппай эле зорго жүрөт, күтпөй эле койчу.

- Биз дос эмеспизби, сага деген бир белегим бар.

- Кандай белек? - Шайгүл ага жылмая кайрылды.

- Ошондо көрөсүң, күтөмүн ээ? - деп койду да үйүн көздөй басып кетти.

Артынан ойлуу карап калган Шайгүлдү Оңолкандын үнү селт эттирди.

- Үйгө отура албай калгансыңбы, жардам берип койсоң боло, эки көзүң эркектерден өтүп эле жалдырап калдың.

- Апа, ошол айтканыңыз кантип болсун? - Шайгүл бирөө угат экен деп кызарып кетип артына кайрыла бермек болгондо:

- Шайгүл! - деген үн угулду, карай салса Асылкүл экен, - Кандайсың? - деп жетип келди.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Жакшы, сени окууга тапшырат экен деп угуп келдим, кайсыга барасың?

- Өзүм медучилищага барайын дегем, калганын барганда көрөм го,

- Качан жөнөйсүң?

- Эртең кетем, эжемдер эртең күтүп алмак.

- Ай-ий ай, ушинтип сен кетип каласыңбы, эки жылдан кийин биз биротоло тарайбыз, мен быйыл барайын десем атам болбой койду, - деп Асылкүл бежиреп жатты.

Шайгүл курбусун үйгө кир дей албай жүрөгү зырпылдай ыңгайсыз абалда буту менен жерди чукулап калганда ар жактан Оңолкан дагы үн салды.

- Дегеле үйгө киргиси келбей калды, жардам берип койгусу жок, тоготпогон жериңе жара чыккыр десе, ай бир эзип сабаса болот эле сендейди, бас оой кыз, торпокторду тосуп келе калсаң боло!

- Мен барам торпокко, - Адыл үйдөн чыкты.

- Сен каерден табаарды билбейсиң, өзү барат.

- Эжем шаарга кеткенде келип тосуп турабы? - деп күлүп койду каадалуу кишиче.

Бешинчи класста окуганына карабай салмактуу, баарын түшүнөт, акылы тунук, сабакты да жакшы окуйт.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр, дегеле биригип кеткенин кантесиң, боорлору бир да, мен гана буларга өгөйлөнүп калдым, эк эмне болсоңор ошо болгулачы! - деди да силкине ары басып кетти.

Адыл талаага торпокко кетти, Шайгүл курбусу менен сүйлөшүп туруп анан үйгө кирип тамак жасаганга киришти. Кирип чыгып сүйлөнгөнү менен ага эч нерсе деп ачык сүйлөп уруша албады, Кемелбай келип калды.

- Ата, бүттүбү?

- Ооба кызым, миң сом алып келдим, окууга өтүп алсаң анан өзүм кабар алам, эжең карап турат.

- Макул ата, мен эртең чыга беремби?

- Эртең өзүм автобуска салып келем, кудай жолуңду ачсын кызым, ата-арбак колдосун, өзүңө тың бол, сак жүр, - деп Кемелбай кызын узатып жаткандай нымтырап отуруп калды.

Ошол убакта Өсөркан кирип келип колундагы акчасын берди:

- Садага болоюн, муну жол кире кылып кет, жолдо жегенге боорсок, эт бышырып койдум, аны эртең менен берем, муздаткычта турат, жакшы оку, кызым.

- Рахмат чоң апа, эсимде болот.

- Айланайын десе, кудай жолуңду ачсын, бактылуу бол, - деп Оңолкан киргенде дасторконго отуруп чай ичишип жатканда Эдилбай аялы экөө келди, андан кийин Руслан менен Сауле келип бакылдап жатышты, алар дагы тыйын-тыпыр ала келип Шайгүлгө берип көпкө отурушту, андан кийин Маржан менен Уйчубай келип калышты, алар дагы акча беришти:

- Жолуңа жарап калаар айланайын, жолуң ачылсын, ылайым эле окууңду бүтүп келип, өзүбүздүн айылда иштеп эл керегине жараган жакшы адам бол, - дешип жатканы Оңолканга таптакыр эле жаккан жок, өзүнөн-өзү туйтала болуп чай куюп отуруп: "Ылайым окууга өтпөй талаада калсаң экен, багың ачылбай куурап кал, өлүгүңдү көрөйүн куу жетим, ушунун эшигиме шөмтүрөп келгенин көрүп табам канса кана" деп ойлонуп жатты.

Анын лам деп сүйлөбөй түнөргөнүн көрүп Өсөркан менен Маржан ичинен ойлонуп: "Өз энеси болсо жетине албай кубанып отурбайт беле, мунун ичин ит талап жатканын кара, өгөй болсо да эби менен болбойбу ниетиң куурагыр" деп улам карап коюшат, негедир экөө тең Оңолканды билгендиктен ойлору бирдей болуп жатты.

- Силерге ыраазымын, жаман кызымды узатышканга жардам берип, жылуу сөз ыроологонуңарга. Айтканыңар келип эле, кызым ак халатчан дарыгер болуп келсе пайдасы тийээр, аман болсун, - деп Кемелбай кубана барбалаңдап жатты, - Кечээ эле сексейген кызым бүгүн: "окуйм" деп минтип, үйдөн кетип отурат. Кана айланайындар, жакшылап бата берип койгула, тур кызым, ата-агаларыңдын ак батасын ал! - деп Шайгүлдү карады.

- Обу жок болбочу, тим эле беш жылдык чоң окууга кетип жаткансып, - деп Оңолкан чыдай албай кетип мурчуңдаганда аны отургандар жаалап ийишти:

- Капырай, ошентип да айтат бекен, эки-үч жылдык окууга окумак тургай ата-энесин жыргатпай басып жүргөндөр канча? - деп Маржан айтканда аны Өсөркан сүрөп кетти.

- Ооба десең, Шайынын окуусу жакшы, үч жылдык окууну дагы окугандар окуйт, окуй албагандар мектепти бүтө албай ордунда калып жатпайбы?

- Кой Оңолкан, андан көрө ушу кызды ак тилегиң менен жөнөт, энесиң го, бала төрөгөн аялдын мээрими көлдөй терең болбойбу?

- Шайгүл көп кыздын бири эмес, буйруса окууну жакшы билген неме өз күчү менен эле өтүп кетет, - деп ар кайсыны айтып жатып тарашты.

Шайгүлдүн көңүлү көтөрүлүп, канаттуудай талпынып, жүрөгү элеп-желеп болуп уйкусу келбей жуунуп таранып жатты. Эртеси эрте туруп кийинип алып сумкаларын даярдап чай дагы жүрөгүнө баспай атасын күтүп жатты. Ал туруп даярданып, анан үйдөн чыгып шаарга кетчү автобуска түштү да аэропортко жөнөдү. Ошол күнү кечке маал аны аэропорттон Шекергүл менен Жумабек тосуп алып үйүнө алып кетишти.

Ошентип Шайгүл медучилищага тапшырып окуп калды, эч нерсеге көңүл бурбай окууга берилип бүт дили менен өзүнө-өзү убада кылып окуп кирди. Бир күнү ал өткөн окуяны эстеп алды, Амалбек айткандай түндөсү чыгып аны менен жолуккан эле, ал колуна калың конверт карматты. Анан колун кармап туруп:

- Шайгүл, мени унутпагын ээ? - деди.

- Унутпайм.

- Эгер унутсаңчы?

- Унутпайм дедим го?

- Мен эки жылдан кийин барам, катты үзбөй жазып тур.

- Жазам.

- Сөзсүз жаз, жумасына бир жолу.

- Ошончо тезби?

- Бир жума тезби, узак да.

- Ошондо деле, жума сайын почтага жөнөсөм эжемдер эмне дешет, - деп күлүп калды Шайгүл.

- Анда эки жумада.

- Бир ай дечи…

- Макул анда, апаң издеп калбасын, анда коштошолу, кел эмесе бетиңден бир өөп коеюн, - деп акырын ууртунан өөп коюп жүгүрүп кетти, - Аман бол, сөзсүз окугун!

- Макул! - деди да үйгө кирди, анда окуганга үлгүрбөй калган, азыр ойлонуп отуруп дептерди ачты, биринчи бетинде өзүнүн сүрөтү менен Амалбектин сүрөтүн жанаша коюптур, ортосунда жүрөк, эки чети кооз гүл менен тегеректелген. Астына аттары жазылып, эң алдында төрт сап ыр турат.

Аруу сүйүүм, махабатым сен менин.

Унутпай жүр, балалыкты эстегин.

Алыс кетип, жалгызсырап турам мен.

Ээси болчу жүрөгүмдүн сен менин, - деп колун коюп коюптур.

Андан кийинки бетин ачып карады, кооз сөздөр менен жазылган шурудай колдор: "Шайгүл, мен сени алыска кетет деп уккандан бери уйкум качып, тынчым кетип калды. Мурда тураарым менен эле силердин үйдү караган адатым бар эле, эми кантем? Негедир сенсиз мага жашоо болбой кала тургансып бук болуп ыйлагым келет. Балапан жүнүм диртилдеп, канаттарым калтырап учууга талпынган канаттуудай эмне кылаарымды билбей турам. Билбейм эмнеге минтем, балким балалык сезимимдир, же жөн эле бала кезден бирге өскөнгө ажырагым келбей жаткандыр… Эң башкысы сен мени унутпасаң болду, улуулардан, китептен сүйүү жөнүндө окуган элем, угуп жүргөм. Балким ушул сүйүүдүр… бирок өзүм да түшүнө албайм. Баары бир сага бир нерсени айтышым керек, балким сен да мага окшоп сүйүүнү түшүнө элексиң, ошондуктан эч нерсе дей албайм. Кат жазып тур, ушул дептерге көргөн билгениңди жазып жүр, эки жылга чейин көп жаңылыктарга күбө болосуң, мага жолукканда сөзсүз ошолорду айтып бересиң ээ? Эмесе кош бол, аман жүр, окууда ийгиликтерди, өмүр жолуңдун эң сонун башталышын каалайм! Сени таза ыйык сезими менен жакшы көргөн Амалбек классташ коңшуң" дегенди окуп алып ойго батты: "Кызык, бул эмне дегени, менин ага анча деле сезимим жок, көп балдардын бириндей эле карайм, мейли ал да мага окшогон жаш да, чоңоюп баралына келип, сулуу кыздарды көргөндө өзү эле унутат" деп жылмайып алды да дептерди сумкасына салып, өзүнүн окуу дептерлерин ачып окуй баштады: "Менин максатым адам болуу, атамдын үмүтүн актоо, окуумду бүтүп алмайынча эч кимдин кереги жок, али он алтыга толо элекмин" деп да ойлонуп алды. Ал сабагын карап отурганда Шекергүл бөлмөгө баш бакты:

- Шайгүл, тамак ичип алсаңчы.

- Кардым ток, эже.

- Кайдан тоймок элең, тартынбай жүр, ачка болсоң ооруп каласың, акем мени урушуп жүрбөсүн? - деп күлүп коюп ары кетти.

- Ичсе ичип алайын, - деп өзүнчө туруп баратып бала кездеги бир окуяны эстеп алды. Ошол күнү атасы жок болчу, Оңолкан ага нан бербей бийик илип коюп, сүттү бышырып анан үстөл үстүнө коюп сыртка чыгып кетти, жети-сегиз жашта болчу. Терезени карап апасы жол жакка басканын көрүп ыссык сүттөн чыныга сузуп алды да ички бөлмөгө кирип бурчка отуруп ууртап жатканда: "Шайгүл, жер жуткур кайта кетип калды?" деп кыйкырганда колундагы чыны ыргып кеткен. Төшөккө төгүлгөндүктөн билбей калды. Кайра эшикке чыгып кеткенде чүпөрөк таап келип сүт төгүлгөн жерди сүртүп койгон. Ошону ойлоп ызалуу жылмайып алды: "Тамак бербей ачка калган күндөрүм өттү, эми ичип алчы дегенге кардым ток дегеним кандай?" деп өзүнө-өзү суроо берип ашканага кирди. Эже-жездеси менен эң кичүү уулу, студент баласы төртөө ага карап калды.

- Кел-келе гой, окуу кандай? - деп сурады Жумабек.

- Жакшы.

- Окуй бер, өзүңө тың бол, кайнага кубанып калсын.

- Акемдин жалгыз кызы болсо анан кубанат да, жеңем экөө аябай ынтымактуу эле, байкуш өлбөгөндө… - Шекергүл ойлуу сиңдисин карады.

- Кой эми, балдыздын эсине жокту салбай, - деп Жумабек күлүп калды, - Оңолкан жеңем да кыйын өзү.

- Ошол курусун, эки баланы гана төрөп койду да...

Тамашалашып отуруп тамактанышты да өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Жумабектин балдары орус мүнөз, үйдө да орусча сүйлөшүшөт. Эки уул бир кызы бар, кызы чоң энесинде, улуусу Нурлан мединститутта үчүнчү курста окуйт, кичүүсү төртүнчү класс. Шайгүл өзүнө бөлүнгөн бөлмөдө отуруп китеп окуп жатты. Качан уйкусу келгенде гана жатты. Эртеси училищага барып сабакта отурду. Жанында отурган Алтынай деген кыз аны менен ынак болуп кетти. Экөө дайым бирге окушат. Ал Шайгүлдөн улуу, онунчуну бүтүп келген экен, бежиреп жигиттер жөнүндө көп сүйлөйт. Өзү нарындык. Аудиториядан чыгып келе жатып ал Шайгүлдү нукуп койду:

- Тиги жигитти карасаң.

- Эмне экен? - Ал көрсөткөн жакты караганы менен кимисин айтып жатканын түшүнбөдү.

- Сулуу экен ээ?

- Көргөнүм жок, кайсынысы?

- Тээтиги үчөөнүн аркысы, карасаң жакшынакай экен, кайсы курста окуйт болду экен?

- Билбейм.

- Мага жакты, - Алаканын жаный күлүп койду.

- Жакканда эмне кыласыз?

- Жигит кылып алгым келет.

- Каалабасачы?

- Эмнеге, сулуумун, боюм узун, көргөн жигиттердин көбү артымдан жүгүрүшөт.

- Ошолор жетпейби? - Шайгүл жылмайып койду.

- Кызыксың, мага жакканы жок, ошол жагып жатпайбы? - Кыткылыктап күлүп калды, - Канчалар сүйүүсүн арнашат, мага жакканы жок. Сен сүйүү катын алдың беле?

- Жок, мен али жашмын.

- Ошондо деле мен жетинчи класста окуп жүрүп жигиттен кат алгамын.

- А мага азыр кереги жок.

- Керээк, бир күнү сен дагы окууну ойлобой сүйүүнүн кереметтүү толкунунда термелесиң, шашпа, - деп жонго чаап каткырып калды.

Шайгүлгө анын сөздөрү жаккан жок, эптеп кетмек болду.

- Мен кетейин, эжем кечиксем урушат, - дей салды.

- Макул, мен азыр бирөөгө жолугам, эртең эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү айтып берем ээ, давай жакшы бар анда.

- Көрүшкөнчө.

Экөө эки жакка жөнөдү. Шайгүл бир мүнөздүү, көп сүйлөбөгөн кыз болду, эжеси дагы өз оюна коюп, окуусунан алагды кылгысы келбейт. Бир күнү сырттан кирип келе жатса Жумабек:

- Шекин, өзүң үй жумушунан кыйналып кеттиң, Шайгүлдү кээ-кээде жардамдаш десең боло, - дегенин угуп босогодон аттап келе жатып токтой калды.

- Койчу Жумаш, ал байкушум ансыз дагы өгөй эненин көп кордугун көрдү, эми көңүлү жайланып окуй баштаганда тим коелу, өзүм эле жетишем.

- Мейли эми, мен деле аны көп эле жумшай кой дегеним жок, жардамдашсын дегем, - деп Жумабек карсылдай күлүп калды.

- Акем байкуш ушул кызы үчүн далайды көрдү, аялына жаман көрүнүп, эки баласына дагы карабай кетирип жиберсе кайра келиптир, - деп Шекергүл да күлдү, - Кабак-кашыңды бүркөй көрбө, ичинен сызып жүрбөсүн.

- Койсоңчу, Шайгүлгө кабак бүркөп мен жинди болдум беле, өзүмдүн эле кызымдай сезем жаным, эч кабатыр болбо жаным, - деп өпкөндөй болду да унчукпай калышты. Ошондо гана эч нерсе билбегендей кирип, өз бөлмөсүнөн кийимин которунуп кайра ашканага келди.

- Келдиңби, окуу жакшыбы?

- Жакшы.

- Чарчадыңбы, түштөнүп ал дагы эс ал, анан деле сабакка даярданасың.

- Эже, эртең дем алыш эмеспи, үйгө кат жазып жөнөтүп келсемби?

- Ооба, ошентсең болот.

- Атамдар эмне болушту, эки айдан бери кат жаза элекмин. - Кабатыр болуп жаткандыр, кыш да болуп калды, жылуу кийимдериңди ала келбепсиң, ошолорду жөнөтүп ий десең.

- Эже…

- Ийи.

- Менин кышкы пальтом эски, акча жөнөтсө эле алып алсам болот го?

- Ошентпесең болбойт, мен алып берейин десем жетишпейт, уулубуз студент, жездең иштейт, мага таарынбайсың ээ, алтыным?

- Жо-ок эже, мен сизди түшүнөм.

- Баса, акем кыйналып калбас бекен?

- Апам каршы болот го, бирок атам эчтеке дебейт.

- Аны го түшүнөм, Адылдар да чоңойду, жетишпей кыйналабы дейм да, кечинде Жумаш менен кеңешип көрөйүнчү. Суук түшүп да калды, үшүп жүрбө, акемди күткөндө кеч болуп калаар.

- Тим эле коюңуз эже, баса бизди практикада өлгөн адамдардын үстүнө киргизеби?

- Ошондой го, силер ага укол салганды үйрөнөт чыгаарсыңар, ачыгын билбейм, айтып жүрүшөт, коркпой эле кой.

- Коркуп жатам, мен өлгөн адамдан корком эже…

- Аа-а айбан десе, коркпой эле кой, эки жылга чейин дагы чоңое түшөсүң, эсиңе киресиң.

Шайгүл унчукпай калды, анткен менен идиштерди жууп, тамак жасап жаткан эжесине жардам берип жатты. Экөө күлүп ар кайсы сөздү сүйлөшүп жатып убакыттын өткөнү билинбей кечки тамакка отурушту.

Аз өтпөй эле Кемелбай өзү жетип келди, миң сом алып келип Шайгүлдүн үстү башына жылуу кийим алып берип, керектүүлөрүн даярдап жол каражатына тыйын-тыпыр таштап үч-төрт күн жүрүп анан кайра кетти.

Амалбекке келгенден бери эки гана жолу кат жазды, андан болсо үч-төрт жолу кат алды. Кемелбай келип кеткенден кийин андан кат келиптир, аны окуп отурду. "Шайгүл саламатсыңбы, саламым менен Амалбек. Окууларың кандай, денсоолугуң жакшыбы? Мени сурасаң баары жакшы, классташтарың баягыдай эле жүрүшөт. Шайгүл? мен сени мурункудан да аябай жакшы көрүп баратам, жанымда ата-энем, бир туугандарым, досторум жүрсө дагы жалгызсырап, силердин үйүңөрдү тиктей берем. А сен мени ойлойсуңбу деги, мен сени ойлосом шаарга жетип барып жолугуп ошол бойдон жаныңдан чыккым келбейт, бирок жол алыс, барууга мүмкүн эмес, эх деги бир жарым жыл эрте эле өтүп кетсе экен, сенин жаныңда болот элем. Ошондо сенден эч ажырабай турган болмокмун. Билесиңби? Апам бир жолу сенин үйүңдү карап турсам: "Ээ балам, Шайгүлдү эстеп жатасыңбы?" деп жатпайбы. Мен уялганымдан: "Жо-ок, жөн эле карап турам" дедим да үйгө кирип кеттим. Баса атам менин ойчул болуп кеткенимди байкап: "Уулум, ушу сен эмнени ойлойсуң эмитен, эгер себеби эле коңшу кыз болсо мектепти бүтөөрүң менен үйлөнтүп койсок окшойт" дебедиби. Унчуга албай калыптырмын, кантсе да жаштык кылдым окшойт. Эмесе сөзүм бүттү. Жакшы жүр, саламатта бол. Амалбек" деп колун коюп койгон экен. Өзүнчө жылмайып алды да катты айрып таштандыга салып койду. Училищанын аудиториясына келгенде аны Алтынай каршы алды:

- Ой баятан бери күтүп турам, жаман кечиктиң го?

- Убагында келдим, сабактан кечикпесем болду да.

- Мен сага кубанычтуу кабар айтмакмын.

- Кандай кабар?

- Баягыда бир жигитти көрсөттүм эле го?

- Ийи.

- Ошону менен тааныштым, айттым го сага, көзүм түшкөн адамды сөзсүз каратып алам деп.

- Жакшы болуптур.

Анын сөзүн тыңшаганы менен өзүнүн ордуна отурмак болуп басып баратты.

- Менин жаныма отура турчу, бир сөз айтам.

- Дагы кандай сөз?

- Бүгүн ал мени сый конок кылмакчы болду, сен бирге барбайсыңбы?

- Жок, мен эч жакка бара албайм, - деп ордуна өтүп отуруп алды.

Аңгыча студеттер келип калды. Декан кирип сабак өтүп жатканда кунт коюп угуп отурушуп убакыт жеткенде сыртка чыгышты. Алтынай Шайгүлдү колтуктап келе жатып көндүрө албай убара. Ал баш чайкап күлүмсүрөй андан бөлүнө бергенде аларды көздөй жылмая бир жигит келе жаткан эле:

- Саламатсыңарбы, кыздар?

- Саламатчылык, - деп Алтынай ага күлө бага кол сунду.

- Саламатсыз…

- Кандай кыздар, окуулар жакшыбы?

- Эң сонун, Шайгүл, таанышып кой, бул Данияр, - деди Алтынай аңгыча ага карап.

- Мен Шайгүл.

- Мен Данияр, - деп көзүн албай колун сунганда тартына колун берип окчундай басты Шайгүл:

- Мен бара берейин.

- Биз менен бир аз болсоңуз кантет, курбуңузду жалгызсыратканыңыз болбойт го?

- Жо-ок, шашып жаттым эле…

- Шайгүл, жарым сааттан эч нерсе өзгөрүлбөйт, кал биз менен, болбосо таарынам, - деп Алтынай акидей асылып калганда Шайгүл баш ийкей алар менен паркта бирге басып баратты. Ал экөөнүн сөзүнө кулак салбай оолактай басып көңүлсүз.

- Шайгүл, мынчалык суз болбосоңуз же бирдемеге капасызбы?

- Жок-жок, үйгө барышым керек эле…

- Коюңузчу, же жигитиңиз күтүп калдыбы?

- Эмне дедиңиз? - Шайгүл аны бир башкача көз караш менен карап алды, - Мен жигит күтүүгө ашыга элекмин.

- Кечиресиз, - Ыңгайсыздана жылмайды Данияр, - Адатта сизге окшогон сулуу кыздар далай жигиттин башын айландыра турган кезиңиз эле, эмнеге жигит күтө элексиз?

- Аны сизден сураганым жок.

- Макул-макул эми, суранам, биз менен бирге болуңуз.

- Алтынай, мен кеттим, эртеңге чейин, - деди да Шайгүл жооп күтпөй эле ылдамдай басып кетти.

- Таңгалыштуу, бул кыз оорулуу же жигиттерден көңүлү калган, - деп Данияр баш чайкап койду.

- Андай эмес, эч ким менен сүйлөшүп көрө элек, жаш кыз.

- Андай болушу да мүмкүн, - деп кыздын кеткен жагын бир азга ойлуу карап туруп анан, - Кана, ашканага кеттикпи? - деди Алтынайга карап.

- Кеттик.

- Жүрү, - деп экөө жетелеше жол боюндагы ашканага кирип орун алышты. Негедир Данияр адеп жолуккандагыдай шыпылдабай Алтынайга салкын мамиле жасап отурду, тамактангандан кийин бак аралап жүрүп:

- Данияр, сен эмнени ойлонуп калдың? - деди Алтынай.

- Эмнеге андай дейсиң, эч нерсени ойлогонум жок.

- Билбейм, алгачкы таанышуубузда башкача элең.

- Сага ошондой көрүнсө керек.

- Ошондой эле болсун, балким башка кызды ойлоп жатасыңбы дейм да…

- Алтынай, андай ойдон алыс бол, кыздарды эрмектегим келбейт. Анан да сендей кызды алдаганга кантип дитим барсын? - деп ийинине колун арта өзүнө тартты, - Же ишенбей жатасыңбы?

- Жо-ок, деги айтам да.

- Алтынай, мен сага жагамбы?

- А менчи? - Алтынай кайра өзүнө суроолуу карады.

- Адегенде сен айт.

- Жо-ок, сен айт.

- Мм… жагасың биро-ок…

- Эмне "бирок"?

- Бирок, айталбай жатам.

- Айтчы эми, эмне бирок? - Алтынай анын көздөрүнө тигиле секирип-секирип койду, - Эмнени айткың келди?

- Менин, - Күлүп андан боюн ала качты, - Айтсам сен ишенбейсиң го?

- Айтсаң көрөм да.

- Менин, менин та-ак, эмне десем, аялым бар!

- Эмне?

- Чын айтам, сенден жашыргым келбейт.

- Айбан, эркектердин баары ушундайсыңар, - деген Алтынай ыйлаган бойдон артка кайрылып жүгүрүп кетип баратты.

- Алтынай!

- Болду, артымдан келбе!

- Чорт, - деп койду башын чайкап Данияр, кыз узап кеткенден кийин, - Оңой кутулат деген ушул, - деди да ылдамдай басып кетип калды.

Ал Шайгүлдү бир көрүп жактырып калганын же жөн эле ага тартыла түшкөнүн билбей Алтынайга калп айтып кутулгусу келген. Кетип баратып каткырып да алды: "Бүт кыздар алсыз келет, ишенчээгин айт, неге алар мындай болушат, же табият ошондой кылып койгонбу?" деп ойлонуп алды. Ошондон баштап ал Шайгүлдү сыртынан акмалай баштады. Көп кыздарга окшоп шарактаганды сүйбөгөн, көп угуп аз сүйлөгөн, аз күлүп көп ойлонгон кызды күндө карап жолукпады. Алтынайдан өзү айткан калп жөнүндө уккандыр деп чоочулайт. Анда эле ал аны жанына жолото коймок беле… Бирок Алтынай эки-үч күнгө чейин суз болуп эч кимге сөз айтпады. Ичинен сызып, кыздар менен дагы сүйлөшпөй сабакта ойлуу отура берет.

- Алтынай, сага эмне болду? - деди бир күнү Шайгүл.

- Эч нерсе.

- Бирдемеге капасыңбы?

- Жок ай.

- Макул, - деп унчукпай калды Шайгүл, анын кагынып жибергени ага жаккан жок: "Көңүлүн сурасаң да жакпайсың" деп ойлоп отуруп калды. Алтынай отурган жеринде ыйлап жатты, декан сабак өтүп жатып, аны байкап жанына келди:

- Мүсүрова, эмне болду?

- Башым катуу ооруп жатат.

- Анда барып дары ичип жылуу жат, жакшы сезип калсаң эртең сабактан калба.

- Макул агай, - Алтынай дептерлерин алып чыгып кетти.

Шайгүл ойлуу: "Эмнеге мындай болду, Данияр капа кылып койдубу, ошого да ошончо болобу, ал болбосо башкасын табат эле го, эмнеге ага жармашкандай болот?" деп ичинен тына конспектисин жыйнап сыртка чыкты. Ошол убакта Данияр турган экен. Аны көрүп басып келди.

- Кандай Шайгүл?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Сабак бүттүбү?

- Ооба.

- Алтынай келген жокпу? - Эмне дээрин билбей ошого зорго оозу барды.

- Келген. Ооруп жатыптыр, уруксат сурап кетти.

- Эмнеси оору жатыптыр?

- Ал эки-үч күндөн бери капалуу, сиз капа кылган жоксузбу?

- Эмнеге, мен эч нерсе деген эмесмин.

- Мындай эмес болчу, негедир абдан капа болгондой.

- Себебин сурадыңызбы? - деди Данияр кызды сынай карап.

- Бирөөнүн жеке ишине кийлигишкенде эмне, ал-абалын гана сурадым.

- Аа-а, - деп коюп Данияр жай катарлаша басып келатып, пальтосунун чөнтөгүнө катты билгизбей салып койду да эч нерсе болбогондой, - Шайгүл мен барайын, салам айтып коюңуз ээ? - деди да шашыла жөнөп кетти.

Аны таңгала карап туруп Шайгүл да өз жолуна түштү. Автобуска келе жатып бир колун чөнтөгүнө салып, колуна кагаз урунганда: "Эмне бул, мен кагаз салчу эмес элем, же байкабай салып койгомунбу" деп ойлонуп тим болду. Үйгө келээри менен түштөнүп алып эжесине жардам берип, үйүн тазалашты, андан кийин эртеңкиге даярданып отуруп эсине түшө калып, пальтосунун чөнтөгүнөн баягы кагазды алып караса, үч бурчтук кылып бүктөп коюптур. Ачып көрүп окуп кирди: "Шайгүл, сен мени кечирип кой, Алтынай менен кыз жигит эмесмин, жакында гана таанышканбыз. Сени көргөндөн бери чынымды айтсам төрт күн болду, ошондон бери уйку көрө элекмин. Анткени сени менен таанышкандан кийин эле андан кутулуу үчүн бир калп айтып койдум, балким сага эмдигиче айткандыр, уккан болсоң калп, мен үйлөнө элекмин. Сага кантип жолугуп, өз сезимимди айтаарымды билбей кыйналып ушул катты жаздым. Саламымды кабыл алып бир жолку жолугушууга келишиңди суранам. Данияр" деп коюптур: "Ой тобо-о, бул качан сала койду, мен ушунчалык баамсызмынбы, тим эле билгизбей салып койгонун кара" деп ойлонуп алды да Алтынайды эстеди: "Шүмшүктөр, улам бирин таштап бирине өткөнүн карасаң, андан дароо кутулгусу келгенин" деп ойлонуп жини келди: "Сени менен жолугууга бармак тургай эми сөзүңө кулак салат бекенмин, бүгүн Алтынай үчүн гана сүйлөшүп койдум" деп мелтейип көпкө отурду. Жумабек менен Нурлан, Ильяс үчөө залда божурашып жаткан.

- Шайы, жездеңдерди айтып келчи, тамак ичишсин.

- Макул эже, - Шайгүл ылдам басып залга баш бакты, - Жезде, тамак ичкиле.

- Азыр балдыз, балдарым менен талашып-тартышып оюн ойноп жатпадык беле? - деп Жумабек каткыра ордунан турду.

Чогуу тамактанды, анан Шайгүл Шекердин кой дегенине болбой идиш-аягын жууп, ашкананы тазалап коюп, анан бөлмөсүнө өтүп жатып калды. Уйкусу келбей ойлоно берди: "Шайгүл, мен баягы жигит менен тааныштым, айтпадым беле, өзүмө жакканы менен таанышмайынча жаным калбайт деп" деген Алтынайдын үнү кулагына жаңырып, бир туруп: "Андан кутулуу үчүн айткамын. Мен үйлөнгөн эмесин" дегени угулуп кыйналып жатып кеч уктады. Эртең менен уйкусу канбай зорго турду. Жуунуп келип чайдан чыныга куюп жутуп алды да кийинип жөнөдү...

Ошентип ал биринчи жылын бүтүрдү. Данияр болсо артынан калбайт, качан болсо гүл көтөрүп алдынан чыгат, дагы бир жолу алдынан чыгып гүлүн сунганда Шайгүл токтоо гана:

- Алданган кыздардай көргүң барбы, мен сизди көрөйүн деген көзүм жок. Ушундайда сыйыңыз менен болуңуз! - деди ачуусу келе.

- Шайгүл, кечирип кой мени, эгер ишенбесең сен үчүн эртең муунуп өлүүгө даярмын, жок дегенде бир мүнөткө токтоп, гүлүмдү алып койчу? - деп жалдырап ийгенде Шайгүл чыдай албай аярлай калды.

- Болуптур, бир мүнөт, бирок мындан кийин өкүм зордукка салып гүлүңүздү көтөрүп алдымдан чыкпай жүрүңүз.

- Сөзүмдү укчу Шайгүл, мен сени жан дилим менен сүйдүм, жүрөгүм менен жактырдым, бир айдан кийин жолугамын, жок дебе, эки айдан кийин жолуксам эки кылба, үч айдан кийин үн дебей каласың, - деди көздөрүнө тигиле.

- Ал эмне дегениңиз?

- Бир айда менин ким экенимди билип каласыз.

- Эки айдачы?

- Эки айдан кийин эрмектегиң келе баштайт.

- А үч айдачы? - деп күлө карады сөзүнө кызыга түшкөн Шайгүл.

- Үч айдан кийин үйлөнөм деген сөзүмдү чыдамсыздык менен күтүп каласың, - дегенде Шайгүл күлүп жиберди.

- Кантип эле ошондой болсун, сизге бөлгөн бир мүнөт беш мүнөткө айланды, кош болуңуз!

- Ушуга шүгүр, аман бол Шайгүл, - деп кала берди Данияр.

Кыз өзүнчө кыялданып аялдамага келди, күн суук болуп чилде түшө элек чагы, үшүп эки колун чөнтөгүнө сала автобусту күтүп калды. Жер тепкилеп, кулак мурдун чүмкөнгөн эл автобустардын өздөрү кетчү жагына автобус күтүп акыя карашат. Бир кезде автобус келип калды. Дүргүгөн элдин алдында жанталаша кирип бараткан жети-сегиз жашар бала бакырып калды, көрсө түрткүлөшкөн элдин алдында калган экен. Кудай ай, өзүм өлбөйүн деген заман болуп калды, чыңырып ыйлаган баланын үнүн угуп карыя адам үнү барынча кыйкырды:

- Абайласаңар боло, бала тебеленип калды!

- Эмне жанталашат анан?

- Этият болбойт беле?

- Эч кимиси жок эмне кылып жүрөт.

- Менин неберем, ушунча да мал сыяктуу болуп кеткенсиңерби? Оо жараткан, адамдар эмне болуп баратат деги? - деп наалыган карыя, жети-сегиз жашар уул-баланы колунан ала орун издеп калганда, бир жаш жигит отуруп калганга жетишкен экен, тура калды:

- Отуруп алыңыз, ата.

- Кудай жалгасын уулум, - деп алкаган аксакал баланы алдына алып орунга отурду, - Эк кудай, ыймандуу жаштар дагы бар экен ээ, жашы жүткүнсө карысы түртүп кетип, замандын өзгөргөнүн кара, - деп күбүрөнүп жатты.

Автобус улам бир аялдамага токтоп, эл азайганда Шайгүл түштү.

Ылдамдай үйгө кирди. Ал келээри менен эле Шекергүл утурлап:

- Ой сага эмне болду, кечиктиң да? - деди.

- Жолдо кечиктим, улам эле автобус толо келет.

- Ийи, тынччылык болсо болду, кирип кардыңды тойгуз.

- Азыр эже.

- Сабагың жакшыбы деги?

- Жакшы эле…

- Окуй бер садага, эчтекеден тартынба, сага колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз.

Данияр кең талаасы керилген Чүйдөн, Ысык-Атадан болот. Ата-энеси көп балалуу, орто жашаган үйбүлөдөн. Кушчубек шуулдап эки жактан таап келип турса, аялы Жайдар жок кылганга маш. Тели-теңтушу көп, майрам тойду жакшы көрөт, такыр болбосо үйүнө курбу келиндерди чакырып алып ичкенди жакшы көрөт. Балдарынын эң улуусу Данияр. Өз күчү менен окуп алган. Жашаган үйлөрү деле ата-энесинен калган эски там. Кушчубек бардашы жок аялы менен урушуп-талашып жашап келет. Даниярдан кийинки балдары да бири-бирин багып тартиптүү, акыл эстүү. Колу-коңшусу ошого абдан таң калышат.

- Тобо-о, Жайдардын катын болуп үйүн караганын көрө элекмин, - деди бир күнү короо четинде топтолгон аялдардын бири.

- Көк ийнени көтүнөн түртө албаса кантет, ошого жараша балдарынын эстүүлүгүн айт, кичүүсү улуусун угат.

- Ошону айтсаң, биздин балдар болсо бири-бирине атаандашып жатып калат, булар баарын ортого салып, дегеле сыр билгизишпейт тобо-о, - деп жакасын карманды бири.

- Кушчубек жакшы жигит, ошонун тапканын аялдай болуп карманса укмуш болбойт беле?

- Ой кокуй күн, оюнду ким ойнойт анда, жаман алында отурушчул, - дешип турганда Кушчубектин аялы үч-төрт келин менен үйүнөн ырдап чыгып калды.

- Алмалуу колхоз багында-а.

Ардагым жүрсө жанымда-а.

Сүйөм деп көзүн кылгыртып эй.

Кадырлап турса дайыма! - дешип каткыра, бири-бирин жонго чапкылап алардын жанынан өтүп кетти. Бир топ кызуу эле. Бири-бирин нукуй, ээрдин түйрө карап калышты. Үйдөгү төрт баласы чың этип үнү чыкпай же жолго чыгып ойнобой үйдө эч ким жоктой сезилет. Жайдар кеткен боюнча көрүнбөдү, бир кезде жонуна чыпта кап көтөрүп Кушчубек келе жатып коңшуларына баш ийкей учурашты.

- Коңшулар, турган экенсиздер, жакшысыздарбы?

- Жакшы айланайын, өзүңөр кандай?

- Кудайга шүгүр.

- Аа жакшы жүрсөңүздөр эле болду, - деп короосуна кирип кетти.

- Байкуш дагы бирдеме көтөрүп келди, Жайдардан башка аял болгондо гүлдөтүп отурмак, эми мас болуп келсе муш жейт го?

- Ой ага аш, тоотуп да койбойт, - деп шыбырашып кала беришти.

Кушчубек үйүнө кирсе төрт баласы чөжүрөшүп отурган экен, чоңураак кызы аларга чай берип жаткан. Ары жакта тоголонуп жаткан бөтөлкөнү бир карап алып Самарага кайрылды:

- Апаңдын коноктору келгенби?

- Ооба.

- Каякка кетти?

- Билбейм, Эркебү эжелер менен кетти го?

- Энеңди урайын десе, аялдай болуп үйдө отурбады го. Кызым, эт алып келдим, тамак асып кой, андан мурун биртике куурдак жасачы, кардым ачты, жеп алалы.

- Макул, - деп он эки-он үч жашар кызы тепилдей чарага салган эттин, көрсөтүп бергенин туурап заматта кууруп, калганын туздап, бир топ этти казанга асып койду.

- Данияр эртең келсе жол каражатына керек болот деп акча таап келдим, сен бекитип кой кызым, апаң аны көрсө дароо аракка жумшап коет.

- Макул.

- Ушу энеңер келсе ачык сүйлөшөйүн, болсо элдин аялдарындай болсун, болбосо кетирем, силерди гана аяп жатам да, - деди үңкүйүп отурган калыбында.

- Кетсе кете берсин, элден уялбай иче берет, биздин эмне болуп жатканыбыз менен иши жок, - деди Самара чын дили менен.

- Атасынын оозун урайын десе, "балдарды төрөп койдум" деп эле ылжактап жүрө берсе баардык сыйдан калат, Данияр келсин шашпа, - деп сөгүнүп жатканда оолжуй Жайдар кирди:

- Келдиңби, деги жарыгыдай бирдеме таба тургансыңбы ыя, өмүр бою эле ушул эски тамда жетпей жашап жүрө беребизби же? - деп масын билгизгиси келбей кергиштей сүйлөдү.

- Сен ошол тапканды жок кылып жатсаң, эгер дагы бир жолу ичкениңди көрөйүн энеңдин үйүнө жеткирип берем, эгер мен да сага окшоп ичип жүрүп алсам мына бул балдар эмне болот ыя?!

- Омэ-эй, эмне болду сага? - деди көзүн сүзө боюн токтото албай, - Жөн турчу ай, эмне кылдым сага?

- Атаңдын башы, же үйдү оңдогонду билбейсиң. Балдар чоңойду, Данияр үйлөнөм десе кайсы жыргаган төшөк төшөйсүң ыя? Токтолуп катын болгондун ордуна колу-жолу бош аялдарга кошулуп алып жалжаңдап ичип жүрөсүң, мынакей Самара деле чоңойду, эсиңди жый, болбосо сени менен ажырашам! - деп Кушчубек сыртка чыгып кетти.

Ал ачуусун басмак болду, кокус жини менен аны бир койсо балдары чыркырап ыйлап ортого түшө калаарын билет.

- Апа, ичпей эле койчу, атам туура айтат, - деп Самара апасына жалдырай карады, - Атам бизди багам деп ансыз дагы өзү ачка жүрүп келип үйдөн ичет, сен болсо анын таап келгенин досторуң менен ичип жок кыласың.

- Эми сен калдыңбы, өлүгүңдү көрөйүндөр десе, мени тыят имиш, менин ойноп күлөөр чагым, атаң сүйлөй бербейби, - деп Самараны бир койду эле, ал болбой жармашып үйдө уруш чыгып кетпесин дегендей, ички үйгө алып кирип башына жаздык коюп жаткырып койду. Жайдар өзүнчө булдурап сүйлөп жатып уктап калды. Кушчубек эшикте көпкө басып жүрдү. Көптөн бери төрөбөгөн күйөөсү жок келин менен жүрчү. Ал азыр ошону ойлоп алды: "Эстүү келин, минтип иче берсе апасына алпарып таштайм дагы башка аял аламын" деп жатты оюнда. Бирок Жайдар ал келин менен мектепте бирге окугандыктан таанычу.

Элнура мугалим болуп иштейт, жашы отуз беште, Жайдар экөө тең. Мурунтан эле экөөнүн мамилеси салкын болчу. Ошондуктан эми да бири-бирин көргөндө учурашып койгону болбосо мамилеси деле жок. Кушчубек жаңыдан кырктан ашкан күлгүндөй жигит. Аялы орду жок чыгып, удаа-удаа уул-кызды төрөп койгондуктан бала багуу түйшүгү мойнуна жүктөлүп саал каржала түшкөн. Жайдар деле өңдүү-түстүү келин, өзүнө карабай көп иче турган болуп кетти. Апасы, бир иниси менен сиңдиси бар. Жайдардын ичип жүргөнүн бир айылда жашагандыктан көрүп билип, урушуп калышат, аны ал укпай: "Мени жайыма койгула, өзүм сүйгөн жигитке бербей койгонсуңар, болбосо мен бактылуу болмокмун, мына ошо үчүн ичип жүрөм!" деп болчу эмес. Анын ичип жүргөнүн көргөн иниси кечинде алардын үйүнө келди эле Кушчубек сүйүнүп кетти:

- Кел Канат, келгениң жакшы болду.

- Келдим жезде, эжем каякта?

- Жатты окшойт, менин дагы чыдамым кетти, эртең өзүм апама барып сүйлөшсөмбү деп жаттым эле…

- Апамда эмне күнөө жезде, өзүңүз катуураак болбойсузбу, биз деле уялып бүттүк, муну леченияге алып барыш керек.

- Ага кайдагы акча, биртике таап келгендеримди достору менен ичип алат, Даниярга зорго жол каражат таап берип окутуп жатам, фельдшер болсо да өзүнө тың болот да, мен убагында окуп албай эрте үйлөнүп алып минтип ар кандай ишти иштеп балдарды багып жатам, - Кушчубек оор дем алып алды, - Же үй ичине карабайт, жууркан төшөк тозду, келин алып, кыз бере турган болсок тууган-урукка, элге-журтка шылдың болобуз, абийирдүү эчтекебиз жок.

- Эгер дагы иче турган болсо алып кетемин да камап эс алдырамын. Жинге тийди, элден да уялат экенсиң, - Канат жер карап отуруп калды.

- Ойгонсо экөөлөп айталы, укса укту, болбосо мен дагы өз билгенимди кылам, - деди Кушчубек чечкиндүү.

- Сүйлөшөлү жезде, эгер койбой турган болсо сизди түшүнөм.

- Рахмат кайним, ушу беш бала дебегенде эбак таштамакмын, ырысы бар экен, үч уул, эки кыздын аркасы менен ушул үйдө отурат, колу-коңшудан да уялып бүттүм.

- Мен кетейин жезде, эртең эрте келем, - деп Канат ордунан козголгондо Кушчубек аны токтотту:

- Тамак бышып калды, отур. Бүгүн жарты койдун этин алып келгемин, казанга салып койдум, балдар бир тойсун деп, ээ кызым, - деди да Самарага кайрылды, - Сорподон алып келчи.

- Азыр ата, - Самара ийрелеңдеп этти сапырып, анан чыныга сорпо куюп келди. Кушчубек эки чыныга куюп бирин кайнисине, бирин өзү алды да:

- Өзүңөр да ичкиле кызым, балдарды тургузуп сорподон бер, - деди өзү шорулдата ууртап, - Кой, бышып калыптыр, өзүм чыгарбасам кызымдын алы жетпейт, - деп тура калып, чоң табакка эт чыгарып алып, Самарага карап үн салды, - Кызым, эми кесме сала кой.

- Макул ата, - шыпылдай Самара макарондон салып казандын капкагын жаап койду.

- Ата-аңдын көрү, колго кесме болгондо өлмөк, быйылча кызым жаштык кылып жатат, бир-эки жылда өзү эле багып калат бизди, туурабы кызым?

- Ооба да, - Самара мултуңдай күлө карап уктап калган инилери менен эң кичүү беш жаштагы сиңдисин ойготуп келип өзү сыңар тизелей мурдун тартып отуруп калды.

Жайдардын уктаганына эки сааттай болгон, күйөөсүнүн бакылдаган үнүнөн улам ойгонуп алып башын мыкчып көпкө жатты. Көптөн кийип туруп келди, аны көрүп иниси жер карап калды.

- Кел, тамак ич, - деди Кушчубек эч нерсе болбогондой, - Башың ооруп жатабы?

- Көп сүйлөбөчү, - деп сыртка чыгып кетти ал.

- Тим коюңуз, эми жакшылап сүйлөшөлү.

- Мен эмне дейм, ансыз да азыр эле эмес, ар дайым ушу, балдарым менен бөжүрөшүп отурам, кээде анын бар-жогун да билбей калабыз, - деп балдарына майлуу эттен кесип берип өзү сугунуп, Канаттын алдына туурап коюп, бир жиликти ага берди.

Алар көпкө отурду. Инисинин келгенинен улам үйгө кире албай эшикте басып жүргөндө Санжар чыгып аны чакырып кирди.

- Отур, - деди Кушчубек.

- Ичпейм, - Ички үйгө кирмек болгондо Канат:

- Эже отурбайсызбы, сүйлөшөлү, - деди.

- Эмне жумушуң бар?

- Сиз менен сүйлөшүшүм керек.

- Койгулачы, мен тим эле алкаш болуп кеткенсибей, бир-эки жолу ичип койсо жаныңар чыгат да, - деп кайрылбай кирип кеткенде Канаттын жини келди, бирок Кушчубектен уялып эч нерсе дей албады.

- Жайдар, Канат сени менен сүйлөшөм деп атайын келсе, сенин ал эмнең ыя? - деди үнүн бийик чыгарып Кушчубек.

- Башымды оорутпагылачы!

- Сенин башың ооруса менин жүрөгүм ооруп жатат, деги бир нерсени ойлойсуңбу ыя, балдар чоңойду, Данияр келсе жаман сөз угуп калба, байкуш.

- Эч кимиңердин керегиңер жок!

- Болуптур, сенин дагы бизге керегиң жок, туурабы балдарым?

- Ооба-а, - деп ийди кичирээк Сардары.

- Ошолорду мага каршы тукурсаң, ошонуң эле калды, - деген үнү чыкканда Канаттын ачуусу келип кетти:

- Жайдар эже, адамча сүйлөшөсүзбү же жокпу?

- Ой бала, сүйлөшпөсөм эмне кыласыңар? - деп босогодон көрүнгөндө Канат тура калып колдон алды:

- Менби, мен сизди үй түрмөгө камайм! Дагы жездем экен, эгер мендей бирөө болгондо эмдигиче жанчып салмак! - деп эшикти көздөй жетеледи, - Бас үйгө кеттик.

- Барбайм, сени чакырып коюп өлмөсөк болуп отурган немеге бирди көрсөтөм, - деп тырмышып босогодон жылбай туруп алганда Кушчубек:

- Тим кой кайним, өз убалы өзүнө, эртең өзүнө керектүүсүн алып туруп көчүрүп барам, оңолсо оңолду, оңолбосо ажырашам! - деп жайма-жай гана тамагын жеп отура берди.

Канат эжесин кое берип чыгып кетти.

- Эмнеге аны чакырдың, андай эле кетиргиң келсе өзүм да кетем, сага жармашып калган ким бар экен? - деп Жайдар аңкылдаганда Самара тура калды:

- Атам чакырган жок, тайкем өзү сиздин мас болуп жүргөнүңүздү көрүптүр.

- Мени эле аңдып калышкан бекен? - Кекете үн катты.

- Жайдар, "ичкениңди токтот" деп канча жолу айттым. Кеп укпайсың, азыр балдардын алдында убада бер: "Ичпейм" деп айт, болбосо эртең сөзсүз жеткирип салам.

- Жеткир ошондой эле кыйын болсоң, ушул балдар болбосо бул үйгө өзүм да турмак эмесмин, - деп Жайдар албууттана кеткенде ага теңелгиси келбеди, тура калып жакка эки жолу чак-чак эттире чаап жиберди.

- Сага ушул керек экен да, өзү ойлоноор десе кайра күчөп баратасың, - деп ачуусу келгенинен өңү түктөйө колунан алып дасторкон четине отургузду, - Кана тамактан ал, "балдарым үйбүлөм бар" деп тапканымды көтөрүп келем, ушунча жыл көңүлүңө карап жаман айтпадым, бир жериңди көгала кылбадым, азыр сүйлөсөң жанчып салам. Ал тамактан, Самара, сорподон куй апаңа!

- Азыр ата, - деп Самара тура калып, чыныга сорподон куюп келип алдына койду.

- Ал эттен, үйбүлө болуп чогуу отурбай калганыбызга канча болду! Мындан ары кааласаң ич, кааласаң досторуңдун үйүнө түнө. Эми сенин келген-келбегениңдин эч кызыгы жок! - деп майлуу кабыргадан астына жылдырып, тууралган этти кесменин үстүнө таштады, - Бул үйдө акыркы жолу даам сызганың болсун.

Жайдар үн дебеди, астындагы эттен алаар-алмаксан болуп аздан алып сорподон ууртаганга эс ала түштү, ичи ачышып турган. Эптеп жүздү ичсем деген ою бар, бирок азыр анын кыймылдаар түрү жок. Коркконунан унчукпай тамак жеген болуп жатты.

- Ата, уйкум келди.

- Биз жата береличи, - деп эки уулу атасын карады.

- Кардыңар тойсо жата бергиле. Самара, орун салып бер буларга.

- Макул, - деп Самара үчөөнү жаткырып коюп кайра келди.

Кушчубек Жайдарды карап бир топко отурду. Өйдө караган да, сүйлөгөн да жок, тек үн катпай отурганда:

- Кана, балдардын алдында мага убада бер, экинчи досторуң бул үйдөн көрүнбөсүн - бир, ичкиликти оозума албайм де - эки, үй-жайды оңдоп аял катары бол - үч. Ушул үч нерсени аткарсаң мен сени менен жашайм, жок ага кудуретиң жетпесе эртең менен убара кылбай төркүнүңө жөнө! - деди эле, Жайдар башын көтөрө аны ызалуу карады.

- Менин ичкеним сенин жаныңа тийдиби?

- Тиймек турсун кыжырымды кайнатты, сөздү бурбай аткара аласыңбы-жокпу, ошону айт! - деп Кушчубек карыдан алып силкип жиберди.

- Ооба, баарын таштайм, болдубу эми, - деди дале ага өчөшкөндөй, - Балдарым үчүн баары сенин айтканыңдай болот!

- Баракелде-е, эгерде ичкениң билинмек тургай жыттанса, бул үйдө турбай эле кой. Кана кызым, апаңдын ичкени жакшыбы же ичпегениби?

- Ичпегени жакшы да, менин классташтарым "апаң алкаш" деп шылдыңдашат, ичкенин койбосо мен мектепке барбайм!

- Болду-болду, ичкенимди коем, ушунчалыкка жеткенин билбепмин, - деп Жайдар унчуга албай калды.

Ошондон кийин Кушчубек унчуккан жок, аны сынамакка акча берип, тапканын алып келип адатынча иштеп жүрө берди. Арадан он чакты күн өткөндө Салия деген курбусу Айсара экөө келип калды. Аларга чайын коюп тамак жасады, алар бир бөтөлкө ала келген экен, Жайдар ичпеди.

- Кел эми Жайдар, канчадан бери жолугуша элекпиз, алып кой, - деди эле Жайдар аларга күлө карады.

- Жо-ок, мен ичпей калдым, өзүңөр алгыла. Ошондо көп ичип коюптурмун, катуу оорудум, врач мени "эми ичсең өмүрүң менен кош айтышасың, жаныңа күйсөң ичпе" деген, мага таарынбагыла, - деп тамагын алып келди.

- Мейли анда, жан керек досум, ичпесең ичпе, бизге азырынча врач тыюу сала элек, алып коелу ээ? - деп экөө кагыштыра ичип жиберишти. Көпкө отурду.

- Эми ичпесең бирдеме дебейсиңби, ушинтип эле тим болосуңбу? - деп Салия аны тооруй карады.

- Мага таарынбагыла, Кушчубектин иштеген иши жок, ал кээде эле жумуш таппаса бош эмеспи, балдардын он эки сом пенсиясынан бөлөк кайдан жардам болмок эле, акча жок.

- Карызга өтө койбойсуңбу?

- Бергенди убагында бере албасак кайдан, мага таарынбагыла, - деп сыпайы жөнөтүп койду.

Ал кеч ойлонуп өзүн-өзү карманып калган. Кушчубектин алып келгендерин жыйнап, аз-аздан кездеме, пахта алып жыйнап жаткан эле, айрыкча буга Самара кубанып жүрдү, чебелектей болуп колуна кол, бутуна бут, керээли кечке жардам берип жанында, төшөк жууркандарын сөгүп, жарай турган пахтаны жууп сабап жатканда апасы Бүбүйра келип үч-төрт күн жардам берди. Ошентип эки-үч айдын ичинде үй ичи адам катары боло түштү. Кушчубек кара жанын карч уруп каерде там салына турган болсо жетип барып баалап алат, анын ичпей жумушту так жасаганын билген эл өздөрү алып да кетишчү. Мал бакканга да барышкан жок, совхоздун директору чакырып алып ага бир короо кой бак деди эле болбоду. Көнгөн оокатын жасап эки жылда жандык күтүп ирдене түшүштү. Бул кезде Данияр окуусун бүтүп келди: "Бакыт оошот, ырыскы жугушат" дегендей ата-энесинин оңоло түшкөнү аны шердентти. Көкүрөгүндө жалгыз Шайгүл. Аны артынан жүгүрүп жүрүп өзүн сүйдүргөнгө жетишкен. Экинчи курста окуп жатканда Алтынай менен Шайгүл кетип баратса алдынан гүл көтөргөн Данияр чыгып калды. Эмне кылаарын билбей Шайгүл басып кетип жатканда:

- Шайгүл! - деди арт жактан, Шайгүл тык токтоду, Алтынайды карады, ал буга чейин байкаган эмес эле, баягыдан кийин башка балдар менен таанышып кээде айтып берип калчу, бирок Даниярдын айтканын айткан эмес, анткени ал сүрүштүрүп көрүп анын үйлөнбөгөнүн билген да ызаланып кала берген, экөө тең токтоп калганда Данияр алардын жанына келди, - Шайгүл, туулган күнүң менен!

- Рахмат, - деген Шайгүл экзаменде жүрүп, өзүнүн туулган күнүн унутуп калган эле, - Мен өзүм да унутуп калыпмын.

- Бүгүн жолуксак кандай болот?

- Жок, убактым болбойт. Кечир, мен кетишим керек, - деп артына бурула бергенде Алтынай ызалуу Даниярдын маңдайына келди:

- Эми Шайгүлдүн сезими менен ойногуң келип калдыбы! Ал сенин оюңдагыдай кыз эмес, көңүлүңө башка кыз жаккан күнү "аялым бар" деп спектакль ойноп кете бересиң, - деди да Шайгүлгө карады, - Сен буга ишенбе Шайгүл, бул акмак далай кыздын башын айланткан, бир күнү сени да башкага алмаштырып басып кетет. Жогол бул айланадан, кетип кал азыр!

- Алтынай, сени менен жөн гана таанышкамын, же сени мен сүйөм деп кыз жигит болдук беле, бар болгону эки жолу жолугуштум го?

- Ошондо да сен калпычысың. Алдамчы уятсыз, Шайгүлдүн таза сезимине ойнобо, жандүйнөсүн оорутпа!

- Койчу Алтынай, таанышып койгон жигитти эле энчиңе басып албай, чынын айтсам Шайгүлдү сүйөм, мен ага үйлөнөм!

- Эмне-е?! - Алтынай Шайгүлдү карады, - Сен муну билесиңби?

- Жок-жок Алтынай, жүрү кеттик, койчу ,кетеличи тезирээк. - деп колунан ала жетелеп жөнөдү.

- Шайгүл! - деген бойдон Данияр туруп калды.

Көңүлү кирдеп үйгө кирди Шайгүл, анын колундагы гүлдү көргөн Шекергүл бир эсе делдейе туруп калды да, анан сурап калды:

- Менин сиңдим жигиттерден гүл алып калган го?

- Аа-ай, - деп алды Шайгүл, ойлонуп келе берип гүлдү таштаганды унутуп калыптыр, - Менин туулган күнүм болчу, кыздар куттукташты, - деп кызара кийимин алмаштырып жатты.

- Айтып койбойт белең анан, бирдеме даярдап турмакмын, - деди Шекергүл келип эки бетинен өөп.

- Өзүм дагы унутуп калгамын, кыздар билип алышыптыр.

- Мейли, буйруса бүгүн сенин, эртең менин туулган күнүбүздү майрамдайт экенбиз.

- Чын эле эртең сиздин туулган күнүңүзбү?

- Ооба.

- Анда бүгүн убара болбой эле эртең чогуу белгилесекчи, жездеме айтпай эле коюңуз, - деп күлө караганда кирип келе жаткан Жумабек:

- Менден эч нерсе жашырууга болбойт, баарын угуп алдым, - деп Шайгүлдүн маңдайына келип, - Туулган күнүң менен! - деп өөп койду.

- Рахмат жезде, - Кубанычтуу күлмүңдөдү.

- Бул дүйнөдө бир гана балдызым болсо, анан ошол балдызымдын бир жылда бир келчү майрамын белгилей албасак болбой калбайбы? - деп бапылдап жатты Жумабек.

Шайгүл ойлуу отуруп: "Өмүрүмдө бир жолу менин туулган күнүм жөнүндө сөз да болгон эмес, атам байкуш апамдан мени коргойм, - деп жүрүп эле эсине келбесе керек, менин туулган күнүмө биринчи жолу алган белек Даниярдын гүлү болду" деп отурганда Шекергүл даяр тамагын алып келип столго койду, анан заматта үстү толгон столго ширин вино келди, үчөө отуруп сүйлөшүп жатып:

- Кана Шайы, сенин бүгүнкү туулган күнүңдү жок дегенде ырымдап коелу, туулган күнүң кут болуп, ылайым жүзүңдөн күлкү кетпей бактылуу кыздардан бол, - деди Шекергүл стаканды көтөрө.

- Балдызымдын бүгүнкү туулган күнүнө эжеси, эртең менин атымдан жакшы духи менен упа алып келип берчи, - деп Жумабек күлүп калды.

- Жезде-е, мага алардын кереги жок.

- Билем, ансыз дагы сулуусуң, бирок белек берип коюшум керек го, эжең эмне алып берээрин өзү билет, - Каткырып калды.

- Иши кылса аман бол, өмүрүң узун болуп, акемдин үмүт тилегин орундатып, бул дүйнөдө бактылуу аталардын катарына кош сиңдим, өмүрүң узун, бак-таалайлуу бол.

- Рахмат эжекебайым, сиздерге абдан ыраазымын!

- Эчтеке эмес, окууңду бүтүп айылга барсаң көпкөн балдар ала качып кетет да кийинкиңе кыйын болот, андан көрө бул жерден ооруканалардын бирине сүйлөшүп берем иштей бересиң, акыл-эсиң толуп, турмушту түшүнгөндө деле күйөөгө тийсең болот да, - деди Жумабек.

- Эмнеге тиймек элем, азыр ойлоно элекмин, эч ким ала кача албайт, мен отурбайм дагы.

- Айылдын ажаандай аялдары сени заматта арбап салат, "биз деле ушинтип келгенбиз, кыз тынаар жерине ыйлап кетет садага, күйөөң абдан жакшы жигит" деп жоолугун салып эки бетиңден өөп койсо, көз жашыңдө төгү-үп отуруп каласың, - деп Жумбаек ого бетер Шайгүлдү тамашалаганда унчукпай ойлуу телмире түштү.

- Ала качып көрсүнчү, жайлуу жер болсо билбейм, эгер көңүлүмө толбосо өзүм алып баса берем, - деп Шекергүл жубата сүйлөдү.

- Кой балдыз, туулган күнүңдө бир аз тамашалап койдум, чындай келсе кызымдай элесиң, ата-эне баласына эмнелерди гана каалабайт. Кел эми, бүгүн бир винодон алып кой! - деп стаканды колуна карматты.

- Мен ичип көргөн эмесмин жезде, ичпей эле койойунчу?

- Жо-ок болбойт, болгондо да сен бүгүн он сегизге толуп жатасың, сен эмес окуучулар татат азыр, алып кой.

- Ичип кой садага, он сегиз жаш өмүрдүн жазы, көңүлдүн назы, толуп ташкан курак, ушул күн эсиңде калат, тоо суусундай ташкындап, көлдөй толкуп турган чагың, биз сага дүйнөдө улуу сүйүү, таза махабат, эң чоң бакыт каалайбыз, - деп Шекергүл дагы сүрөп болбой ичирип койду.

Ошол күнү эже-жездеси эки куюм вино ичирип койду эле, диванга барып эле жатып калды. Тээ бир убакта ойготуп, көзүн таңып алып келди да.

- Кана Шайгүл! - деп көзүн ачса, столдо кооз торт турат, тамак аш жайнап турат, Нурлан дагы бар экен. Нуркан уктап калса керек.

- Оо-ой эже, мынчалык убара болбосоңуздар эмне... - Шайгүлдүн көздөрү жайнап, жүзү албырып турду, - Ыраазымын эже, жезде.

- Кое тур, адегенде тортту кесебиз, анан туруп-туруп ичебиз! - деп Шекергүл Шайгүлдү кучактап эки бетинен өөп, - Туулган күнүң кут болсун, - деди да колуна бычакты берди. - Кесип адегенде өзүң же, андан кийин бизге бер.

- Ма-акул, - деп кыткылыктап күлүп тортту кесип өзү четинен оозуна салып, Шекергүлгө, Жумабек менен Нурланга берди.

- Туулган күнүң менен, таеже, - деди ошондо гана Нурлан жылмая.

- Рахмат, - деди бактылуу, анан дасторконго отурушуп, түрдүү тамактардан жеп жатышты.

Шайгүл үчүн бул эстен кеткис күн болду. Кубанычтан жүрөгү лакылдап, жүзү албырып кубанчында чек жок эле. Эртеси аз уктаганга сабакта жанталашып, экзаменде уйкусу келгенин айтпа. Алтынай жанында, ал шыбырап:

- Мен сага бир сөз айтам, анан шашпай тура турчу, - деди.

- Дагы ким менен тааныштың?

- Эч ким менен, азыр окууну эмес, өзүмдү ойлоп азап чегип жатам.

- Кой, анан сүйлөшөбүз, окушум керек, - деп дептерин карап калды.

Сабагынан чыккандан кийин шашып кетмек болду эле, аны Алтынай ээрчип алды, экөө бакка келип отургучка отурганда ыйлап кирди.

- Сага эмне болду? - Шайгүл аны таңдана карады.

- Шайгүл, сен эмне дейсиң билбейм, менин өлгүм келип жатат, өлгүм келет, - деп буркурап башын Шайгүлдүн ийинине жөлөп калды.

- Эмнеге, түшүндүрүп айтчы, эмне үчүн өлгүң келет?

- Кантип айтам, Шайгүл, мени жек көрүп каласың го, кантип түшүндүрүп, кантип айтам? - Ого бетер шолоктой берди.

- Эмне болду деги, айтсаң айт Алтынай, болбосо мен кетишим керек, сени зордогум келбейт! - деп ордунан турмак болгондо ал кармап калды.

- Токто, токтой турчу.

- Мен сени айт дебейм, эгер мен ошол кайгыңды жеңилдете алсам айт, болбосо айтпа Алтынай, андан көрө мени кое бер, кечигип жатам, капа болбочу мага.

- Жок-жок, айтам, жок дегенде жеңилдеп алайын, бирөөгө сыр айтып көргөн эмесмин, ишенесиңби Шайгүл, менин боюмда бар!

- Эмне-е?

- Ооба, өзүм да чоочуп кеткемин, адегенде өлгүм келди, бирок өлө албадым, эми эмне кылам, айтчы Шайгүл, эмне кылам?

- Эмне де-еди-иң? - Шайгүл оозун баса көзүн чоң ачып, туруп эле калды, - Эмнеге?!

- Сен билбейсиң, Даниярдын таштап кеткенине ызаланып бир жигит менен сүйүү романын өткөрүп жүрүп ушундай болуп калды.

- А сен аны айтпайсыңбы ага?

- Ал качып кетти, айткан эле күнү унчукпай басып кетти.

- Жаман болуптур, ойлонуп иш кылыш керек болчу, ишенбегенден кийин алыңа карап жүрсөңчү, эми эмне болот? Менин дагы башым катып калды, кандай акыл айта алам, - деп Шайгүл отура берди.

- Мен өлүшүм керектир, айтчы Шайгүл, эмне кылышым керек, өлгөндөн башка аргам жок ээ эми, - деп Алтынай дагы буркурап жатты.

Шайгүл мелтиреп эч нерсе дей албады, акыл айтаар сөзү жок эле анын, жан дүйнөсү таптаза, акактай сезими дүйнөдө мындай нерселерди угуп көрбөгөн неме өзүн жоготуп койгондой делдейди. Алтынай буркурап ыйлай берди, ыйлай берди, акыры көз жашы кургагандай мисирээ көпкө отурду.

- Өзүңдүн жаңылыштыгыңды өзүң чеч, мен эми үйгө барайын, менде сөз жок, - деди Шайгүл ордунан тура.

- Шайгүл, сен мени табалап турасыңбы, мыйыгыңдан күлүп шылдыңдагың келеби, кыздарга айтып абийиримди төгөсүңбү?

- Койсоңчу Алтынай, мени кимге теңеп турасың, ушакчы аялдардай көрдүң го мени.

- Жок-жок, бирок айтаарын айтып алып өзүмдүн жаным жай албай жатпайбы, азыр ишенсең өзүмө дагы ишене албай турам, кайда барып, кайда жоголоорумду билбей турам.

- Капаланба Алтынай, бир жолу табылаар, балким жигитиң келип калса, сенден өткөн бактылуу жан жок болуп, ошондо да кубанычтан ыйлап турсаң шылдың кылышым мүмкүн.

- Ошондой болсо кана, айтканың туура келсе сага ооз майлайм.

- Мейли, убакыт көрсөтөт, сен эми көп кайгырба, эртең жолугабыз, - деди да Алтынайды жубата бетинен өбө басып кетти.

Алтынай дагы көпкө чейин ыйлап отуруп анан жөнөдү, өзүн-өзү чыйралтты…

Данияр ар убак Шайгүлгө Алтынай экөө бөлүнгөндөн кийин жолугуп, экөө бактылуу мүнөттөрдү өткөрүп жүрүштү, дал ошол күнү дагы шашылып аялдамага жете бергенде алдынан чыкты:

- Кандай Шайгүл?

- Жакшы, - Шайгүлдүн жан дүйнөсүндө дүрбөлөң түшүп, ар кайсыны ойлонуп, эркектерди жек көрүп келе жаткан эле, анын көңүлү чөгүңкү экенин байкап чебелене түштү.

- Шайгүл, бирөө капа кылдыбы?

- Ким капа кылсын, өзүм эле…

- Кабагың бүркөлсө менин жүрөгүм үшүйт алтыным, сени эки күндөн бери көрбөй жаман сагынып кеттим, келчи бир ак жүзүңдөн өөп алайын, - деп жакындай бергенде Шайгүл аны акырын түртүп койду:

- Жөн болчу, мен кечигип калдым, эжемдер күтүп калышты.

- Бир аз баспайлыбы?

- Жок, эч нерсеге көңүлүм жок.

- Шайгүл, эмне болду сага, эки күн мурун эле жакшынакай эмес белек?

- Кетишиме тоскоол болбочу Данияр, өзүм ооруп турам.

- Макул анда, оорубай эле кой жаркыным, мен ата-энеме барып сен жөнүндө айтып келгем, ошону айткым келди эле…

- Аны кийин сүйлөшөлү, азыр менин жолумду тоспо, - деп келип калган автобусту көздөй басып баратып, - Эртеңкиге чейин, - деп түшүп кетти.

Данияр эмне кылаарын билбей туруп калды: "Буга эмне болду, Алтынай бузуп жүрөбү, эгерде өзү сүйсө бирөөнүн тилине кирмек эмес, жо-ок күтө турайын, балким башка бир себеби бардыр, мен сенден бомба менен аткыласаң да ажырабаймын Шайгүл" деп ийининен оор дем алып жатаканасына жөнөдү.

Шайгүл үйгө келгенден кийин дагы Алтынайдын үнү кулагына угулуп тынчы кетип уйкусу кача берди: "Чын эле өлүп калсачы, эмнеге боюна болот, эркектерге жакындаса болуп калабы, кызык го, мен Данияга жакындабашым керек" деп селт этип алды. Кеч уктап эрте турду, бүгүн тарамак, эки жылдан бери айылга бара элек, быйыл бир ай барып келмек болуп жаткан. Бир жылдан кийин окуусун бүтүп кайда жиберсе ошол жакка иштегени кетет. Ушуларды ойлоп алып кубанып алды: "Буйруса иштейм, ак халат кийип алып иштеген кандай бакыт" деп ойлонуп ашканага кирсе Шекергүл ага конверт берди:

- Классташыңдан келиптир.

- Аа-а, - деп койду да тааныш кол жазманы көрүп күлүп койду.

үйдөн чыгып жолдо баратып ачты: "Саламатсыңбы Шайгүл? - деп башталыптыр кат, - Сен окуудан бошоп кат жаза албай жатасың го, же жазган каттарга жооп бербейсиң. Кандай ал акыбал, окууларың жакшыбы? Мени быйыл окууга жөнөткөнү жатат, буйруса бир айдын ичинде барып калам. Мен сени аябай сагындым Шайгүл, уктасам түшүмө киресиң, ойгонуп алып сенин алыста экениңди билгенде ыйлап сооронгон баладай улутунуп алам. Деги сенин оюңа түшөт болду бекенмин, ойлойсуңбу мен жөнүндө, же кең шаардан маданияттуу жигит таап алып мени унутуп калдыңбы? Жок-жок Шайгүл, мен сенин унутушуңа жол бербейм! Ооба, адегенде өзүм деле ишенип-ишенбей жүрдүм, балким балалык кыялымдыр деп. Эми толук айта алам, бул менин балалык аруу махабатым, наристе сүйүүм сен гана, сен! Сени менден эч кандай күч ажырата албайт, уктуңбу Шайгүл, сени менден эч ким талашууга акысы жок, сен меники гана болууга тийишсиң! Эмесе жолугушканча аман бол, сенин жаш канат шумкарың Амалбек" деп кол коюп коюптур.

"Жинди" деп алды. Ошол күнү ал Алтынай менен сүйлөшүп, жигитинин атын, кайда окуурун далилдеп укту. Көрсө ал айыл-чарба институтунун төртүнчү курсунун студенти экен. Ал ошол күнү ачуусу менен институттун аудиториясына барды. Шермат деген жигитти издеп жүрүп акыры отургучта бир кыз менен отурган жеринен тапты. Өзүн көздөй келе жаткан кыздын Алтынай менен жүргөнүн көргөн, ал жакындаганда кызды колтуктай басып кетмек болуп калганда Шайгүл:

- Кечиресиз, Шермат сизсизби? - деди.

- Аа-а, сиз магабы? - деп кызаңдай туруп калды, - Сизге кандай жардамым керек болду экен? - Кытмыр жылмайды.

- Чоң жардамыңыз керек, мүмкүн болсо ээнирээк сүйлөшсөк кантет?

- Мм, Айдай, сен бара турчу, бул сулуу кыз менен бир азга кобураша коеюн, - деп жанындагы кызды өөп, ары узатып коюп кайра келди, - Кулагым сизде.

- Сиздин канча сүйүүңүз бар?

- Ушуну сураш үчүн келдиңиз беле?

- Ооба, каршы болбосоңуз бири мен болсом деген элем, - деп аны көзүнө тике карап маңдайына келди, - Жүрөгүңүздүн бир бурчунан орун табылаар бекен? - дегенде Шермат тайсалдай көздөрүн ала качты.

- Чоң кыз…

- Токтоңуз, мен сиздей кыргыз элинин тукум көбөйтүүчүсүнө жолуксам деп жүрдүм эле, мен дагы бат эле түйүп ала коем!

- Карындаш, муну менен эмне дегиңиз келет? - Кызаңдай карады, - Ким тукум көбөйтпөйт, үйлөнүп жар күткөн адам баласынын тукуму улана берет эмеспи?

- Ооба-а, улана берет, бейнике балдар да ошондой эле адам, бирок ошол эне баланын бактысына баа бере аласызбы?

- Эмне дегениңизге түшүнбөй турам?

- Түшүнбөсөңүз түшүндүрөйүн, - Ары жакта карап турган кызды көздөй басып баратканда Шермат шашкалактап калды, - Бул сүйгөн кызыңызбы?

- Ооба…

- Сиз бул жигиттин өзүңүзгө деген сүйүүсү таза экенине ишенесизби? - деди Шайгүл ал кызга.

- Эмнеге?

- Кыздар неге мынчалык алсыз да, арсызбыз ээ, сиздин дагы бир күнү көз жашыңыз төгүлүп жүрбөсүн, бул жигит Дон-Жуандан айрымасы жок, дал ушунун айынан сизге окшогон мөлтүрөгөн кыз өлүмдү ойлоп арманын айтса угаар адамды таппай сыздап отурат!

- Шайгүл, эмне деп жатасың?: - Шермат кызаңдай ага карап, бирок башка сөз айталбады.

- Чындык ачуу, чыдай албаганы уугуп өлүшү мүмкүн, - дегенде Шерматтын кызы эми эсине келгендей:

- Сен эмне деп жатасың, биз жакында үйлөнөбүз, - деди ага атырыла.

Аны Шермат кармап калды.

- Эмитен алдап жүргөн Шермат, бир күнү сени да таштап кетээринде сөз жок, мында жүрөк болсо, адамдык касиети азыраак да болуп өзүнөн-өзү уялса сени, сага окшогон кыздарды алдамак эмес, туурабы Шермат? үйлөнгөнгө чейин таза жүрсөң анда билбейм, болбосо жүрөгүңдүн алдына бирди түйүп алып Шерматты каргап кала бересиң, бейкүнөө аял, бейкүнөө наристе жашайт жер үстүндө, алардын кусуру муну да бир күнү урат, эсиңде болсун, эгерде Алтынай бирдеме болсо сен гана күнөөлүүсүң! - деди да басып кетти.

Шермат жер карап туруп калганда, тигил кыз аны жаакка бир чапты да жүгүрүп кетти. Аны карап туруп, Шайгүл жылмая автобуска түштү да, үйүн көздөй жөнөдү. Келип кийим-кечесин даярдап жатканда Шекергүл:

- Кайда жөнөдүң? - деп сурады эле эжесине эркелей жылмайып алып.

- Атамдарга барып келейин, былтыр дагы бара албай калдым, - деди.

- Эртең жөнөйсүңбү?

- Ооба, эрте чыгам.

- Макул, мен акемдерге чай-чака даярдап коеюн, - деп ашканасына чыкты.

Бир сумкага майда-барат салып берип эртеси Шайгүлдү айылга узатты. Ал келгенде атасы төшөктө экен, эмне болгонун түшүнбөдү, арыдан бери көрүп дары-дармек алып келе койду да укол сайды. Анан анын белинен өйдө көгала болгонун көрүп чоочуп кетти. Оңолкан болсо тайсалдап кирип-чыгып жаткан, бир кезде:

- Кызым, бул мени өлтүрүп кое жаздады кызым, ичимдин баары эзилип турат, - деди шыбырай Кемелбай.

- Эмнеге?

- Уруша кеттик, Сары чоң атаңа торпок деп койгомун баягы тоюнда, ошону бере элек болчумун, баласы келгенинен жетелетип ийдим, балээнин баары ошондон чыкты. Таягымды колумдан тартып алып түртүп ийбеспи, чалкамдан түштүм, белим ташка тийип эсимди жоготуп коюптурмун, үйгө киргизип жаткырып койгондон кийин көзүмдү ачтым.

- Сизди шаарга ооруканага алып кетейинби, ата?

- Кой кызым, бул баарын жүктөп төркүнүнө кетип калат, таптырбай балдарды кор кылабы дейм…

- Ата, жаныңа күйбөйсүңбү, дүнүйө деп жүрүп өлүп калсаң эмне болот, ошондо балдар кантет? - Шайгүл ыйлап ийди.

- Сен Сары чоң атаңды эртең чакырып кел, ага бүт малды тапшырайын, - деди онтолой.

- Макул, - деди Шайгүл.

Анын келгенин көргөн коңшу-колоңдор учурашканы келип калды, аларга алып келгенинен коюп, чай куюп отурду, Оңолкан болсо унчуга албай шыпылдай калып:

- Кудайга шүгүр, кызым бой жетип калыптыр, чоңоет деген ушул эмеспи, эми окуусун бүтүп келип жакшы жерге орун алып алса, атасы экөөбүздүн көңүлүбүз тынып калат эле, анан эки баланын милдети калат мойнубузда, - деп калды.

- Ооба-ооба десең, балдардын келечегин ойлоп эле карыйт турбайбызбы, өзүбүз да сезбей калат экенбиз.

- Капырай десең, жашыбыз өткөнүн байкабай да калдык.

- Жашоо ошондой экен да, эми балдардын жамандыгын көрбөсөк экен, Кемелбайдын ооруп калганын кара, жакшы болуп кет эми, кызың доктур болуп калды, өзү эле дарылап алат, - деп Кемелбайды карады Маржан. Маржан Шайгүлгө ичи жылып: "Амалбегим бала кезинен жакшы көргөн кыз, эмдиги жылы окуусун бүтсө үйлөнтүп коебуз, өзү жакшы болсо болду, өгөй энесине карамак белем, балдарым бактылуу, ынтымактуу жашаса эле жетет" деп ойлонуп жатты. Шайгүл жаркылдап коңшу аялдарга өз энесиндей мамиле кылып сүйлөп берип отурду. Оңолкан Шайгүлдү мактаган сайын өзүнүн ага өткөргөн жаман күндөрүн эстеп уялгансыйт, бирок баары бир ичи тарайт.

Эртеси Сарынын үйүнө барып учурашып анан атасынын чакырганын айтты эле ал чогуу келди. Анын келгенин көргөн Оңолкан өзүнчө туталанып: "Мунусун чакыртып эмне кылат, бу шүмшүк кызына дагы мал сатып бермек болуп жатабы, ушуну окутам деп канча малды жок кылды, эгер дагы сатам десе бирди гана көрсөтөм, белиңди эки бүктөп биротоло өлө турган кылбасамбы, анан кызыңдын ушул үйгө келгенин көрөм" деп түрүн буза Сарынын артынан ичкери кирди. Кирип келе жатып күйөөсүнүн үнүн угуп токтоп калды.

- Мен шаарга барып көрүнбөсөм болбойт аке, бул катын мени оңдурбайт, бир кунаажынды сатып жолго алайын, калганын өзүң көздөп тур, - дегенде атырылып кирди.

- Менден ала качып калдыңбы, ансыз да мына бул шүмшүгүң үчүн далай малды жок кылдың, бир малды сатып көр, сага өлүп берем!

- Ай-ай келин балам, минткениң болбойт, минтип жата бербей көрүнсүн, өзү да майып болсо, төшөктө жатканды багыш сага деле оор болот, - деди Сары.

- Өлбөйт, жакшы болуп калды, шаарга барганда эле чолок буту басып кетмек беле?

- Оңолкан, унчукпай койсо айкырасың да, сени менен жаңжалдашып чарчадым, сен болбосоң эптеп кирип-чыгып өз күнүмдү көрөт элем го. Болду, сени менен жашай албайм, балдарды ал да кете бер! - деди Кемелбай баш көтөрө.

- Балдар керек эмес сага, ошону үчүн кызың үчүн баарын сатып бүттүң, алса алып кетем, ушунча жылдан берки кызматым үчүн эмгегимди бөлүп бересиң, анан кетем.

- Жеп ичтиң, төркүндөрүңдүн ар бири той берсе же өлсө бирден койсуз барбайсың, жетет ошол, мени түгөтүп бүттүң, - деп экөө жаакташып калганда Сары экөөнү тыйды.

- Мунуңар жакшы эмес, ушунча жыл жашадыңар, эки бала турат, кандай ынтымак боло албадыңар? Жаш эмессиңер деги, кыз үчүн урушуп жатат дечү элек, ал да кетти, эми экөөң тең ойлонгула да, - дегенде Оңолкан анын сөзүн жулуп алды.

- Кеткенде келбес болуп кетсе кана? Кайра-кайра "акча-акча!" деп биртике малдын баарын сатып бүттү, деги ушул кыз өлбөй койду.

- Оозуңа карап сүйлө, ушуга асылып жүрүп жарыган деле жоксуң го. "Асылганыңды кой" деген эле кебимден башка жамандыгым жок, - деп Кемелбай ары карап кетти, - Мындан өлүп кутулбасам тирүү кутулбай калдым окшойт…

- Кой элдешкиле, ынтымак менен оокат кылбасаңар кантип болсун? Бир кыз экен, эми бир жылы калды, мен өзүм жөнөтүп турам, менин дагы кызым, - деди Сары кейий.

- Мен муну менен жашай албай калдым, эми бул мени өлтүрөт аке, ушул таягымды алып түртүп ийбесе бул балээ жок эле. Кызым менен шаарга кетип ошол жакта калам, балдар энесинин кыялын, менин майып экенимди билет, түшүнөт, эми муну менен кала албайм.

- Түртүп ийди дейсиңби? - Сары түшүнө бербей сурады.

- Ооба, эч кимиңерге айтканым жок, минте берсе күн көргөзөбү? - деди Кемелбай жини келе, - Кайдан да катын ала койдум эле, он беш жылдан бери алышып жүрүп тажап дагы бүттүм аке, кимиңерге даттанам?

- Өзүң бил…

- Кетсең кет, мен үйдөн кетпейм, - деп көгөрдү Оңолкан.

- Бул үйдү көчүрүп кетем, Шекердин ашканасына кирип жашасак да күнүбүз өтөт, - деп ого бетер Кемелбай көгөрүп туруп алды.

Ошондо Адыл он төрткө чыгып баарын түшүнүп калган.

- Биз апам менен кетпейбиз, атам менен калабыз, өзү кете берсин! - деди.

- Силерди ушул "балам" деп койдубу ыя? Тээ тигил жетимин эле калкалап келе жатат, анан ушуну "атам" деп коесуңар, көрдүңөрбү бул үйдү да ыраа көрбөй жатканын, - деди Оңолкан жиндене.

- Атам туура айтат.

- Опэ-эй өлүгүңдү көрөйүндөр десе, бир башым кайда болсо да батат, калсаңар кала бергиле! - деп силкине ичкери кирип кийим-кечесин алып чыкты да, - Эртең келип төшөнчүлөрүмдү алып кетем, - деди да эшикти тээп ачып, карс эттире жаап чыгып кетти.

Эч кимиси үн деген жок. Сары менен сүйлөшүп малынан сатып, калганын дайындап, эки баласын алып шаарга жөнөп кетишти. Баргандын эртеси эле ооруканага жаткырышты. Шекер эки-үч күндөн кийин машина алып барып үй ичинен керектүүлөрүн жүктөп алып келип, эки бөлмө времянкасын бошотуп киргизип алды. Ошентип Шайгүлгө иштөөгө туура келди, атасын дарылатып, бир аз жакшы болуп, бутун дагы көрсөтүштү. Анын буту бир аз жакшы болуп калды. Эки-үч ай жаткандан кийин өзү басканга жарап калса болобу. Бир аз гана сылтыганы болбосо таяксыз басып калганда Ысык-Ата курортуна жөнөтүштү. Аңгыча күз келип, эки уулун мектепке киргизип, Шайгүл окуусуна бара баштады. Айылдан Сарынын аялы Өсөркан көргөнү келгенин айтып отурду.

- Баягы Оңолкан ыйлап келиптир, биз сенин дарегиңди билбейбиз дедик, өзүнүн буюмдарын жүктөп кетти.

- Ырас болду, өзүнө-өзү кылды, жеңе, - деди Кемелбай, - Көрөйүн деген көзүм жок, көңүлүм калды.

- Өзүң жакшы болуп калыпсың эми, балдарыңды маңдайыңа кармап кайраттуу бол, али жашсың, кызың окуусун бүтүп алса, кыйналбай каласыңар, - деп Өсөркан чөнтөгүнөн беш жүз сом алып чыгып берди, - Муну акең берип ийди, доктурда жатканыңда көрө албадык, таарынбай тургула.

- Ээ жеңе, силерге эмнеге таарынам, тагдырыма таарынам. Кантейин эми, балдарымдын бактысы ачык болсо болду, - деген Кемелбай ойлоно жеңесин карады, - Жеңе айылга эми малды сактап эмне кылам, эмки жумада эптеп барайын, силер дагы иликтей бергиле, эчки-улагына чейин калтырбай, жылкыны да сатып эптеп бир үй алайын, анан бир жерден кароолчулук кылсам, пенсиям бар, жашоо өтөөр.

- Өзүң бил бала, жылкыңды өзүбүз эле алабыз, быйыл тиги иниңдин баласын отургузабыз, тай берет элек деп жатат, сенин атың семиз болуш керек, биздики бээ эмеспи, кулундары бар.

- Эмнеси болсо да пул кылып чычкак улак калтырбай сатып бергиле, кышы биерде кыштасак жазда там алып алалы.

- Мейли, айтып барам.

- Жеңе, этият болгула, Оңолкандын колунан баары келет, уурдатып алып жүрбөсүн?

- Кудай сактасын.

- Айтып койдум да…

- Кыскасы жакшы болуп калыпсың, ушунуңа кубанып жатам, догдурга көрүнбөй эле жүрө берген экенсиң да, болбосо эбак эле жакшы болуп кетмек экенсиң.

- "Сынган бут бүттү" деп жүрө бериптирмин да.

- Эми шоруң арылып кетсе болду, - деп Шайгүл келгиче сүйлөшүп отурушту.

Шекергүл да үйдө жок болчу. Кечке маал баары келип бапырашып Жумабектердин төрүндө болушту, аларды коноктоп өткөн-кеткенден сүйлөшүп жатышты. Эртеси Өсөркан айылга кетти. Кемелбай кечке үйдө, Адыл эртең менен окуйт, Мадылы түштөн кийин. Шайгүлдүн көңүлү көтөрүңкү, окуусу жакшы, Данияр экөө күндө жолугушуп не деген максаттарын ортого салып кеңешишет, анан эки бөлүнөт. Данияр үйлөнмөк болуп үйүнө барса ата-энеси макул болушту.

Анан бир күнү экөө үйлөнүү той өткөрмөккө сүйлөшүп отурушкан, ошондо алардын жанына Шермат келип салам айтты:

- Шайгүл, бир мүнөткө мүмкүнбү?

- Менин Даниярдан жашыраар сырым жок, айта бер.

- Алтынайды сурайын дедим эле…

- Ал окуудан чыгып кеткен.

- Кайда экенин билбейсиңерби?

- Эртең билип берейин, кабар ал.

- Рахмат, - деди да Шермат жөнөп кетти.

- Алтынайды эмне кылат экен ал? - деп сурап калды Данияр.

- Жигити, - деп Шайгүл ага болгонун айтып берди, анан анын жашырынып бир батирде жашап жатканын да айтты. Экөө кеңешип туруп, Шермат менен Алтынайды өздөрүнүн үйлөнүү тоюнда жолуктурмак болуп чечишти. Шайгүл Даниярдан бөлүнүп аялдамага келип бир аз турганда артынан бирөө көзүн басып калды:

- Күзгүбүз же таракпы?

- Күзгү, сиз кимсиз? - Көзүн баскан адамдын үнү өзүнө чоочун угулду, - Кое бериңиз, күзгү дедим го?

- Менин ким экенимди тапмайынча кое бербейм, - деди чоочун үн күлө.

- Сизди тааныбайт экенмин, үнүңүз чоочун.

- Кантип, мени тааныбай калдыңбы, Шайгүл? - деп күлүп Амалбек маңдайында турду, - Кандайсың Шайгүл, кантип мени тааныбай каласың? - Таарынгандай болду.

- Үнүң башкача болуп калыптыр Амалбек, тааныган жокмун, өзүң кандайсың, арадан өткөн эки жыл өзгөртөт экен да.

- Жок, сен антпешиң керек болчу, сен мени унутупсуң, мен сени тээ тигил жактан көрүп тааныдым, күнү-түнү, керек болсо саат сайын эсимде болдуң.

- Амалбек, таарынбачы эми, биз чоңойдук, менин бала кезим сенин көз алдыңда өттү. Качан келдиң шаарга? - Шайгүл сөздү башкага буруп күлө карады.

- Эки күн болду, окууга тапшырбай калдым, кеч келипмин, сени издеп таппай кайра кетип калгамын, силер мен айылга барганда шаарга баса берипсиңер. Атамдарга жардам берип коюп кайра сага жолугуу үчүн келдим.

- Жакшы, мен кечигип калдым Амалбек, атамдын дарысын ичирип, укол сайышым керек, жүрү андан көрө үйгө бар.

- Кеттик, барбагандачы, барам, - деп экөө автобуска түшүп жөнөштү, - Шайгүл, сен мени сагындыңбы? Сени аябай сагындым, бала кездегидей эле жаныңда жүрө бергим келет, - деп ага эңкейип шыбырап койду.

- Кой тамашаңды, эл угат.

- Укса уга берсин.

- Амалбек, баягы бала бойдон эле экенсиң.

- Сенин жаныңда бала болуп эле ойноп, жетелешип жүрө бергим келет.

- Болду, жетип калдык, - Шайгүл эшикке келип ачылаары менен түштү, артынан Амалбек түшүп аны колтуктап алды:

- Кемелбай аке кандай жүрөт анан?

- Жакшы, барсаң көрөсүң го?

- Сакайып кетип жакшы болуптур, Адылдар окуп жатабы?

- Ооба.

- Азамат, шаардык болуп кеттиңер, эми айылга барбайсыңарбы?

- Шаарда калабыз го?

- Ошондой де, сен окууңду бүткүчө үйүңдү кайтарып турам, анан…

- Эмне анан?

- Баса, сага бир жаңылык айтайынбы?

- Айта бер.

- Атамдар сен экөөбүздү үйлөнтүп коебуз деп жатат.

- Эмне үчүн? - Шайгүл чоочулай карады.

- Эмнеси жаман, мен сени өзүм дагы жакшы көрөт эмесминби?

- Амалбек, биз бала болчубуз, эми өзүбүз да, акыл оюбуз да өсүп жетилди, үйлөнүү үчүн бири-бирине сезим болуш керек да?

- Сенин менде оюң жокпу?

- Кызыксың, бала бойдонсуң, жакшылап ойлон, өзүң каалагандай адамга жолугасың, баары өтүп кетчү нерсе, - деп короого кирип келишти.

Сыртта ары-бери басып жүргөн Кемелбай аларды көрүп таңгалып калды.

- Кимди көрүп турам, коңшум келип калган го? - Утурлай басты.

- Ассалоому алейкум Кемелбай аке?

- Алеки салам, кел-кел коңшум.

- Келип калдым, - Күлүп койду Амалбек.

- Аялдамадан жолугуп калдык ата, - Шайгүл жооп бере салды, - Киргиле үйгө.

- Жүр Амалбек, үйгө кирели, балдар да келе элек.

- Сабактабы?

- Ооба окуп жатышат.

- Жакшы болуптур.

Ээрчише чакан бөлмөгө кирип орун алышты. Шайгүл чай коюп дасторкон жайды:

- Атам өзү жалгыз эчтеке ичпей эле отура берет, эжем дагы үйдө болбой иштеп калганга "ачка болуп калабы" деп корко берем.

- Коркпо кызым, атаң эми өлбөйт, сенин жардамың менен минтип адам болуп калдым, жыйырма жылдап таянып жүргөн таякты таштадым, эми мен эчтеке болбойм, - деп күлүп калды Кемелбай.

Көпкө отуруп анан Амалбек кетмек болуп Шайгүл узатып чыкты.

- Шайгүл, биерди көрүп алдым, сен окууңду бүтөөрүң менен ата-энем болуп келебиз, мен сени гана сүйөм, сага гана үйлөнөм, эч ким экөөбүздү ажырата албайт, кышында бир келип кетем, макулбу?

- Амалбек, бала кездеги жакшы көрүү, боор ооруу сезимдерди сен сүйүү менен алмаштырып алыпсың, биздин балалык сезимдер болгону жүрөктө сакталып калышы керек, биз өстүк, өзгөрүлдүк…

- Сен менин сөзүмдү укпай жатасың, Шайгүл.

- Укканда эмне, Амалбек.

- Сен мени сөз менен качырба.

- Неге, качырганым жок, чындыкты гана айтып жатам.

- Кайдагы чындык, же бирөөнү сүйүп калдыңбы, Шайгүл?

- Жок-жок, азырынча эрте, мен али ойлоно да элекмин.

- Анда неге…

- Эмне?

- Менин сөзүмдү кубаттабайсың.

- Эмне демек элем?

- "Мен дагы сүйөм, сени күтүп жүрдүм, эмнеге келбей койдуң?" деген суроолорду күткөмүн, - Амалбек таарына түштү.

- Менин эч нерсени эстегенге убактым болгон жок.

- Демек сен таап алыпсың.

- Эмне деп жатасың, бар эми, атам эмне деп ойлойт? - Шайгүл аны тамашалай түртүп койду, - Бар, кеч болуп кетти.

- Болуптур анда, жакшы кал!

- Жакшы бар, - деп Шайгүл ичкери кирип кетти: "Кызык экен, сүйүү-сүйүү эле дейт, мен аны жакшы көрөмбү? Сүйүү деген эки адамдын бири-бирин сүйүшсө анда бир жөн, ага айтпай эле койдум, эмки айда үйлөнсөк унчуга албай калат" деп чечти Шайгүл.

Шекер менен сүйлөшүп ачыгын айтып ага Даниярды тааныштырды. Ал ага жакты. Ошентип эки жаш бири-бири менен сүйлөшүп, сөз бүтүп акыры Шайгүлдү бир күн мурун үйүнөн алып кетти. Ырым-жырымын жасагандан кийин студенттер арасында чакан той өткөрдү. Дал ошол күнү Алтынайды чакырып келип отургузуп коюшту, ичи билинип калган, той кызуу жүрүп жатканда Шермат эки досу менен гүл көтөрүп алып келип калды. Аны көргөн Алтынай боюн жашыра ары карап кетти, бир аздан кийин Шайгүл аны ары ээрчитип барып:

- Бүгүн биздин той болсо, эмкиде силердин тоюңар болоорун унутпа, карачы кимдин келгенин? - деп ары карап колун жаңсап койду эле бурчта жашынып турган Шермат чыгып келип Алтынайдын алдына чөгөөлөп:

- Кечир мени Алтынай, жаңылыштыгымды кеч сездим, ал үчүн Шайгүлгө ыраазымын, - деди башын жерге сала.

- Шайгүл, кайдасың? - деп ар жактан Шекер үн салып калганда.

- Эмесе жаштар, отуруп тургула, эч жакка кетпегиле, биз менен чогуу болосуңар, - деди да жүгүрүп ары кетти.

Үлпөт көйнөк Шайгүлгө абдан жарашып турган. Алтынай бир аз мурун ага суктанып турган болчу. Шерматты көрүп: "Бир кезде сүйгөнүң кайтып келип сүйүнүчтөн ыйлап турганыңды көрсөм, ошондо шылдыңдап күлөм" деп Шайгүлдүн айтканын эстеп алып ырас эле буулуга сөз сүйлөөгө кудурети келбей ыйлап жатты:

- Алтынай, ыйлабачы деги, мени кечирип койчу, мен катамды кеч сездим, мени кечир, эртең эле үйгө алып кетем, - деп жалдырап отурду Шермат.

- Шермат, мен эмне дей алам, менде кандай арга…

- Койчу эми, капаланбасаң жаным, биз эми бактылуу болобуз, эртең эле алып кетем, көрөсүң го? - деп Шермат колуна жүз аарчысын алып көз жашын аарчып жатты, - Болду эми, баары артта калды.

- Билбейм Шермат, иттин күнүн көрсөттүң го мага, окуудан өз эрким менен кеттим, антпесем уят болмокмун, сен аны кайдан ойломок элең, ата-энеме иштеп жатам деп айттырып ийем…

- Кечир, мен иттик кылдым, мен акмакмын. Сөз берем, сени бактылуу кылам жаным, өзүңө келчи эми, Шайгүлдөр жөнөсө шашып каласың, бол жашыңды токтот, - деп Шермат Алтынайдын көз жашын аарчып, жүзүнөн сүйө, бекем кучактап бооруна кысып көпкө турду.

Тойдон кийин Данияр өзүнүн достору, Шайгүлдүн курбуларынан үчөө болуп, үйүнө алып кетти. Шарактаган жаштар Кушчубектин үйүндө ойноп-күлүп жатышты. Жайдар ичкилигин таштагандан кийин иниси менен сиңдиси жардам берип, Кушчубек иштеп келип үйүнүн ичин оңдоп койгон. Сыртын Данияр жайында шыбап, короолорун оңдоп койгон. Туугандары бирден союшун көтөрүп чаап алып келип кудалары менен жаштардын көңүлүнө арзырлык той өткөрүштү. Алтынай менен Шермат дагы алар менен бирге, Алтынайдын ичи билинип алты айдан өтүп калгандыктан бийге түшпөй четте карап турат. Шайгүл ушул күнү өзүн башкача бактылуу сезип турду, бул дүйнөдө өзүнөн башка бактылуу жоктой, канаттуу карлыгачтай ою менен кайкып учуп уч кыйыры жок мейкиндикте жүргөндөй болуп жатты. Бир туруп жакшы түш көрүп уктап жаткандай эле…

- Шайгүл, бактылуусуңбу, жаным? - деди Данияр коноктор кетип өз бөлмөсүнө өткөндөн кийин.

- Ая-ябай бактылуумун!

- Чынбы?

- Ооба, ушул бүгүнкү бактыма ишене албай турам.

- Алтыным, мен сени бактылуу кылам, өмүр бою бирге болуп мага беш бала, беш кыз төрөп бересиң ээ?

- Ай-йи-ий, ошончо көппү? - Шайгүл көздөрүн бактылуу бажырайта карады.

- Ошончо, мен кө-өп балалуу болгум келет, балдарыбыз экөөбүзгө окшош болот, кыздарыбыз сулуу-сулуу болуп акылдуу кыздар болот, балдарыбыз жакшы окуп, акыл-эстүү жигиттер болуп сыймыктансак…

- Тилекти берсе оюңа кошулам.

- Бактым менин, сага жолукканда гана өзүмдүн бактылуу болоорумду сездим, ага чейин ар кайсы кыздар менен таанышып, сүйлөшсөм да бирөөнө анча көңүл бурган эмесмин.

- Чынбы?

- Айтпа, сени көргөндөн кийин: "Мен ушул кыз менен гана бактылуу болом" деп ойлогомун, анан минтип сага жеттим, - деп кызды так көтөрө калып диванга алып келди.

- Данияр…

- Оов.

- Бир сөз айтайынбы?

- Кулагым сенде.

- Мен сенден сыр жашыргым келбейт, айылда менин коңшум болгон, ошол бир күнү сен экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздү көрсө эмне дээрин билбейм, ал мени "сүйөм" деп бала чактан эле айтып жүрчү. Бир аз мурун издеп келиптир, "окууңду бүтсөң үйлөнөбүз" дейт…

- А сен айткан жоксуңбу?

- Айтууга дааган жокмун, эгер айтсам ал айылга кетпей кое турган. Эмне десем, ал бир башкача мүнөздүү да.

- Кызык, чындыкты жашырбашың керек эле, же мурун да сүйүшүп жүрдүңөр беле?

- Жок-жок, андай болгон эмес, өтө капризный адам болуптур, мен ага "балалык сезимиңдир, менде андай сезим жок" десем уккусу жок.

- Эгер ага "сүйөм" деп айтпаган болсоң жарасы жеңил, коркпой эле кой.

- Ал жолугуп калса жаман айтпа, экөөбүз жай түшүндүрөлү ээ? - деп Шайгүл күйөөсүнүн мойнуна колун ороду, - Мен сага кошулган өмүрүмө ыраазымын.

- Мен дагы.

Экөө оролуша дүйнө түйшүгүнөн алыстап, бир бүтүнгө айланып, жашоонун алгачкы кадамын баштоонун алдында эки жүрөк биригип бактылуу махабаттын даамын татып түндүк алдында ата-эненин салты менен кыналыша бир жаздыкка баш коюшту.

Үйлөнгөндөн кийин үч күн туруп эле кайра окууларына кетишти, аларга ата-эне бир батир жалдап киргизип коюшту. Экөө чогуу кетип, бирге келишет. Бул кезде Кемелбай кызына бак-таалай каалагандан башка аргасы жок эле, кубанганынан ыйлап да алды, ага эми эки уулу сүйөө, жөлөк болуп калды. Шекер тамак ашынан кабатыр болуп өзү эртели кеч карап калганы менен ал дагы жумушунан алагды болуп жатты. Шайгүл кеткенде айылдан шашылыш Сары менен Эдилбайларды такси менен барып Жумабек алып келген. Алты адам кууп барып сый көрүп келишти, Кушчубек үч миң сом койду алдына, ачуу басарына беш жүз сом, бир кой. Сары бакылдап:

- Кемелбай, эмгегиң талаага кеткен жок, ушул кызың үчүн көп азапты өзүң тарттың, мен дегендер дагы үч миң сомду кое албайт, эң улуу баласы экен, кыз-күйөө экөө тең доктур болушса… Кубана бер иним, Шайы акыл-эстүү болуп, абийири менен той көйнөгүн кийип бактылуу болуп жүзү жайнаганын көрүп өзүм бактылуу болдум, - деди Кемелбайды карап.

- Ооба, Шайгүл өзү каалап, сүйүп тийди аке, капаланба ага, кыз-күйөөгө чыкканда нааразы болгонуң болбойт, - деди бир жагынан Шекергүл, - Мен дагы аябай ыраазы болдум, экөөнүн жанашып катар турганын көрсөң кандай гана кубанаар элең?

- Туура айтат, ага нааразы болбо, бактысын тилегин, айылдагы кимдин эле кызы үйлөнүү той өткөрүп жатыптыр, Шайгүл биздин айылдын алдыңкы кыздарынан болду.

- Ээ аке, мен аны Уйчунун баласына барат деп жүргөмүн, Амалбек экөө кичинесинен жакшы эле, Шайгүл аны күтпөй койду, ал баланын мүнөзү башкача, өжөрлүгү - айтканынан кайтпаганы мени таңгалдырчу, ушул Шайгүлгө тынчтык берээр бекен?...

- Андан эмнеге коркосуң, өзү да ойлонот, күйөөгө тийип кеткенден кийин ага эмне катылмак беле?

- Мага дагы айтып калчу, Шайгүл аны билбейт, - деди ойлуу, - Шайгүл шаарга баса бергенден кийин сыртта жүрсөм биздин үйдү карап туруптур, басып барып: "Амалбек, биерде эмнеге турасың?" десем ал мага: "Кемелбай аке, мен сизге ачык эле айтайынбы?" деди жакын келип. "Айта гой" десем: "Мен Шайгүлдү жакшы көрөм, эгер ага үйлөнөм десем каршы болбойсузбу?" дебедиби, мен адегенде эмне дээримди билбей калдым, анан: "Сага кызымды кантип бербейин, экөөң бири-бириңди жактырсаңар каршы болбойм" дедим эле, балалык кубанычтан жаркылдай колумду силкилдете кармап алып: "Мен Шайгүлдү сөзсүз бактылуу кылам, анткени аны мен сүйөм" деп үйүн көздөй жүгүрүп кеткен. Кечээ жакында үйгө келип кетти.

- Болсо болоор, күйөөгө тийгенин укса үмүтүн үзөт да, сен дагы айтып түшүндүрөсүң, - дешип Кемелбайды тынчтандырды.

Шекер менен Кемелбай айылга барып кыздын жеңетай тоюн берип келмек болуп жөнөп калышты. Аны Кемелбай ойлоп тапты, ага карындашы каршы болгон жок.

Алар такси менен Сарынын үйүнө келип союшун союп, боорсок жасап, дасторконун жайып, колу-коңшуларды чакырып эт бышкыча чай берип бакылдашып отурганда Амалбек кирип келди. Элдин ичинде Маржан дагы бар болчу. Баары аны карап калышты.

- Шайгүл күйөөгө чыкканы ыраспы? - деди ал Шекергүлдү карап.

- Ооба, кел-келе гой, отуруп чай ич.

- Отурбайм, мен Шайгүлдү ал жерге калтырбайм, аны зордоп алып кеткен болуу керек, эмнеге ал кетээри менен айтпадыңар? - деп чыгып кетип Кемелбайга барды, - Мен сизге айткамын, Шайгүлдү мен гана бактылуу кылам дегемин, - деп короодон чыгып кетти.

Маржан шашыла ордунан туруп үйүнө жөнөдү. Бири-бирин караган эл тунжурай отуруп калышты. Аңгыча эт бышып алдыга келип, колго суу куюлуп этти улуулата тартып, артынан үймө табак күрүчтөр келди. Шайгүлдүн бактысы үчүн бөтөлкөлөр бошоп, бака-шака кайрадан башталды. Эт желип бүткөндөн кийин салтка ылайык ар бир аялдарга беш сом, үч сомдон беришти да бата тилешип коңшу-колоңун узатып, Маржанга устукан менен аш салган табакты көтөрүп, Шекергүл жеткирмек болуп анын үйүнө келип кире берээрде:

- Балам, эсиң менен болчу, ал бечара дагы бактылуу болсун, өгөй энеден көргөн азабы аз келгенсип, эми сен анын жашоосуна аралашпа, үйлөнөм десең үйлөн, - деген Маржандын үнүн угуп токтой калды.

- Апа, мен ансыз жашай албайм, эмнеге мени былтыр жибербей койдуңар? Мен жанында болсом ал башкага кетпейт болчу, эми силерди укпайм, күйөөгө тийсе дагы сууруп келип алам. Болбой турган болсо менден үмүт кылбагыла! - деп сыртты көздөй келе жаткан дабышын сезип шаша калганы ачып кирип келе жаткан болуп көрүндү, аны көргөн Амалбек Шекердин колундагы табакты жулуп алды да сыртты көздөй ыргытып ийди, - Мен гана бактылуу кыла алам Шайгүлдү, башка эч ким эмес, уктуңарбы мени?! - деп сыртка чыкканда калтырап калган Шекергүлдү Маржан чыга калып:

- Эми эмне кылам айланайын, атасы дагы жок эле.. - деп ыйламсырап ийди, - Эмне болот, айланайын Шекергүл?

- Токтотуш керек эже, кеч боло электе токтотолу, - деп экөө эшикке чыкканда жерде жайнап жаткан күрүч менен этти көрүп:

- Олдо-оо курган балам ай, ырыскыны чачкан тура, ушул жакшы тойдон ооз тийгенде болбойт беле? - деп шашыла дарбазадан чыгып, эки жакты карашса андан дайын жок эле.

Шекергүл шаша кайра Маржан экөө Сарыныкына келишти. Жумабек, Кемелбай болуп үчөө шашыла келген машина менен шаарга жөнөштү. Ошол күнү эле Амалбек училищанын алдына кеч келди да бак түбүндө уктап калды. Эч нерседен капарсыз Данияр менен Шайгүл бактылуу колтукташа келип эки жакка бөлүнүштү.

- Жолукканча, жаным.

- Жолукканча.

- Сагынып кетем, тез чыга турган бол, күтүүдөн жүрөк чарчап кетпесин, - деп өбүшүп жатканда уктап калып эми ойгонгон Амалбек чоочуп тура калып, эки жагын карана бери басып келе жатып, Шайгүлдөрдү көрдү да жүгүрүп келип аны колдон алды:

- Бас кеттик, мен сени эч кимге бербейм дегемин, бербейм, уктуңбу? - деп жетелеп жөнөгөндө Шайгүл андан колун тартып алды:

- Жетишет Амалбек, жетишет сенин ушунуң. Менин эми күйөөм бар, башым бош эмес, өз жолуңду тап, мени унут!

- Эмне дедиң Шайгүл, мени сен башкага алмаштырдыңбы, сенден мен ушуну сурандым беле?

- Мен сага убада берген эмесмин, ал өзүңдүн гана өзүмчүлдүгүң, мени өз жайыма кой, бактылуу болушумду кааласаң жолумду тоспо? - деп окуу жайга кирип кетээрде, Амалбек экөөнү карап делдейип калган Даниярдын жанына келди:

- Досум кечирип кой, мен Шайгүлдү жанымдан да жакшы көрөм, ансыз менде жашоо жок, мени түшүнөөрсүң дейм, бир-эки жыл жашап, кайра таштап кеткенден көрө өзүмө бер, - деди анын маңдайына тикелей, - Кандай дейсиң, кайрып берээрсиң менин балалык сүйүүмдү?!

- Жигит, эстүү эле адам окшойсуң, биз бири-бирибизди сүйүп үйлөндүк, түшүнсөң бизди жайыбызга кой. Шайгүлдүн бала кездеги тарткан азап-тозогуна күбө болгон жакын коңшусу экенсиң, андан көрө бактылуу болушуна каалооңду айт да үйүңө бар, - деди Данияр Шайгүлдүн айтканын эстеп жумшак гана.

- Эмне дедиң? - Амалбек кыжыры келгендей тиштене калып кайра каткырып алды, - Бири-бирибизди сүйөбүз дейсиңби?

- Ооба, менин убактым жок, сабактан кечиктим, - Данияр басып кетмек болгондо Амалбек карыдан алды:

- Токто-токто, мен али сөзүмдү бүтө элекмин, - деген Амалбек анын жүзүнө тике карап, көздөрүнө тигилди, - Сен мени ушинтип суутам деп турасыңбы? Эч качан, мен Шайгүлдүн чоң бактысымын, мен гана аны бактылуу кылууга акылуумун, сенин ортодо болушуңду каалабайм! - деди да ары бурулду.

- Аны көрөбүз, сен дагы мен дагы өз бактыбыз үчүн күрөшүүгө акыбыз бар, - деп Данияр да басып кетти.

Шайгүл сабакта отуруп мээсине эч нерсе кирбей жатты: "Эми эмне болот? Дегеле түшүнбөдүм ушуга, мен аны сүйбөсөм же бир убада бербесем эмнеге эле асылып калды? Мен ага сөзсүз ачык айтышым керек" деп ойлоно берди.

Данияр дагы ошол ойдо: "Бул өзү оорулуу неме го, Шайгүлдү этият бол дешим керек, мындан баарын күтүүгө болот, кандай окуяга туш болоор экенбиз, эмнеси болсо да жакшылыкча бүтүрүшүбүз керек" деп сабакка көңүлү келбей отурганда декан:

- Кушчубеков, эмнеге сабакка көңүл бурбайсың? - деди ага кайрылып.

- Жок-жок агай, угуп жатам.

- Анда айта салчы, мен азыр эмне жөнүндө айтып жаттым эле?

- Аа-а, адамдардын денсоолугундагы күтүүсүз өзгөрүү, капыстан ооруп калганда кандай жардам көрсөтүү керек…

- Жакшы-ы, - деп койду да, - Улан-кыздар окууну бүтпөй жатып үйлөнүп аласыңар дагы, үйбүлөлүк түйшүктү окуу менен бирге аркалап өзүңөр кыйналасыңар, - деп кайрадан түшүндүрүп кирди.

"Туура айтып жатат, балким окууну бүтүп үйлөнсөм Шайгүл өзү аны тынчтандырып чечип коет беле, шаштым окшойт" деп ойлуу аудиториядан сыртка чыкканда аны туугандарынын баласы издеп келе жаткан экен, көрүп эле:

- Кушчубек акем катуу ооруп калды, силерди келсин деп жатат, - деди шашкалактап.

- Жакшы эле жүрбөдү беле, качан ооруп калды?

- Кечинде.

- Ооруканага алпарган жокпу?

- Жок, барбайм деп койду.

- Азыр, мен Шайгүлдү алып алайын, - деп Шайгүлдөр окуган корпуска жүгүрдү, алар чыга элек болчу, чыдамсыздык менен күтүп туруп анан ал чыгаары менен, - Биерден тез кетели, сүйлөшчү сөз бар, - деди да колунан алып тез-тез басып, аерден алыс барып отургучка Шайгүлдү аяр отургузду, - Шайгүл, атам катуу ооруп калыптыр, мени чакыртып ийген экен, сага айтпай кете албадым, мен барып келейин.

- Мен барбай эле коеюнбу?

- Өзүм барып келейин, балким ооруканага алып келээрбиз, жүрү сени үйгө жеткирип коюп мен тезирээк барайын.

- Мен атамдардан кабар алайын дедим эле, өзүң билесиң, алар кыйналып жатышат, - деди Шайгүл Даниярдын көкүрөгүнө башын жөлөп, - А сен барып кел, макулбу? Тез кел анан, күтүп калбайын, - деп жарына эркелей карады.

- Сени күттүрбөй калайын, эгер эртең келбей калсам барып кал ээ?

- Макул.

- Анда мен жөнөйүн, сен этият бол, жанагы маньякка окшогон коңшуңа жолугуп калбай, - деп экөө көпкө өбүштү.

Аларды Амалбек аңдып кыжынып турду, артынан калбай үйүнө чейин узатып бармак оюнда. Аны байкашкан жок, бири-бирин кыса кучакташкан эки жаш коштошо эки тарапка бөлүндү. Данияр шашыла Ысык-Атага кетчү аялдамага жөнөдү.

Шайгүл атасына бармак болуп автобуска түшчү аялдаманы көздөй жай кадам таштап баратканда Амалбек ага жете келди. Эч нерсе оюнда жок келе жаткан Шайгүл чоочуп кетти:

- Сен каяктан?

- Мен сенин көлөкөңмүн, Шайгүл. Туура эмес кылган экенмин, сенден карыш бөлүнбөй жаныңда болсом менден кетпейт элең, туурабы?

- Амалбек, сен мени туура түшүнчү, мен сени сүйбөйм, жөн гана коңшубуз, ошол бойдон калышыбыз керек!

- Жок-жок Шайгүл, сен меники гана болушуң керек болчу, бала кезимден сени жакшы көрүп, кийин чоң сүйүүгө айланган, сен ойлончу, кантип менин сезимиме түшүнбөйсүң, неге мага ишенбейсиң, менин сүйүүмдү неге кабыл албадың, кантип бала кездегини унутуп каласың? - деп жолун тосо тура калды, - Кимдир бирөө сүйүүдөн бактылуу болсо, бирөөлөр жабыр тартышы керекпи?

- Сен жабыр тартпа Амалбек, бала кездеги мага жасаган мамилең үчүн рахмат, ал үчүн өмүр бою карыздармын, эми менин бактылуу болушума тоскоол болбо, эгер мени сүйгөнүң чын болсо мени тынч жайыма кой, энесиз өсүп, өгөй энеден көргөн кордугумдун үстүнө дагы азап бербе, кечир Амалбек, сени мен сүйгөн эмесмин! - деп анын жанынан өтүп кетти.

Сөз сүйлөөгө кудурети келбей көзүнүн жашы куюлган Амалбек таштай катып, жүрөгү муздап турган жеринде кала берди. Шайгүл артына кылчайбады, түз барып эми эле келген автобуска отурду да, үйүнө келди. Адыл менен Мадыл үйдө экен, Кемелбай плитага бирдемени өзү жасап жатыптыр:

- Бул эмнеңер, атам жаңы эле жакшы болду го, өзүңөр жасабайт белеңер? - Шайгүл кирип келип эки инисин урушуп кирди, - Экөөңөр бирдей отуруп атама тамак жасатып ичесиңерби ыя?

- Эже, атам өзү болбой эле…

- Кызым, алдын ала өзүң айтчы, эмнеге төркүлөй электе келип калдың, же атаң сени тосо албайт деп ойлодуңбу? - деп Кемелбай Шайгүлгө жылмая бурулду, - Кыз бала күйөөгө тийгенден кийин төркүлөтмөйүн келбейт.

- Ата, силерден көңүлүм түтпөдү, Даниярдын атасы ооруп калыптыр, ал атасын көрүп келмекке кетти, мен биякка, - деп күлө багып атасын кучактап өөп алды, - Силерди ойлоно берем, ата.

- Ойлонбо кызым, биз жакшы эле турабыз, Адыл болсо биринчи чейрекке жалаң беш чыгыптыр, анан өзүм тамак жасап бермек болгом, - дегенде Шайгүл Адылга барып эки бетинен өөп, бооруна кысты.

Ошол кезде: "Ушуларды бир тууганым деп жатасыңбы, булар менин балдарым, уктуңбу! Менин!" деген Оңолкандын үнү кулагына жаңырып, көзүнөн жаш мөлт этип кетти:

- Куттуктайм, бир боорум менин, өбөгүм-жөлөгүм.

- Эже, ыйлап жатасызбы? - деп Адыл анын колунан чыгып көздөрүн карады, - Эмнеге ыйлайсың эже, мен баардык сабагымдан беш алып жатам.

- Азамат, ошентип жакшы окугула. Сенчи Мадыл? - Шайгүл кичүү инисине жылмая карады. - Сенин окууң кандай?

- Эжеке, шаардык балдарга караганда Адыл акем экөөбүздү мугалимдер жакшы көрө баштады, - деп Мадыл мурдун көтөрүп койду.

- Алтындарым десе, ошентип жакшы окусаңар жакшы адам болосуңар, атамдын бизден башка кимиси бар, биз үчүн жашап жүрөт уктуңарбы, силер ушуну унутпагыла, - деди да чечине салып тамакты өзү карап жатканда эшиктен дарбаза такылдады, сыртта жүргөн Жумабек барып ачса Амалбек экен, аны көрүп бир азга унчукпай калды да:

- Кел жигит, кайдан бу? - деди аны киргизгиси келбей.

- Кемелбай акеге келдим эле.

- Алар жок, - деди Жумабек орой, - Бул үйдөн кеткени качан.

- Кайда кеткенин айтып коесузбу?

- Мен дагы көрө элекмин.

- Кечиресиз, - деп Амалбек ары бурулуп, эки-үч кадам басты да, кайра артына кайрылып дарбазаны ачып жүгүрүп кирди.

Жумабек үйүнө кирип бараткан эле, карап калды, Амалбек Кемелбайлар турган времянкага жетип, каалганы катуу тартып ачып киргенде баары аны элейе карап калышты.

- Менин жүрөгүм сезген, сенин ушул жерде экениңди, сен аны таштап келдиңби Шайгүл, ырас эле мага кайрылып келесиңби? - деп Шайгүлдү карап сүйлөп жатканда Жумабек кирип келди.

Шайгүлдүн оозуна сөз кирбей катып турган.

- Жигит, сенин акыл-эсиң ордундабы, эмнеге мынчалык кара өзгөйлүк кылып жатасың? Азыр милиция чакыра электе кетип кал, сени бул жерде эч ким күткөн жок!

- Эмне дейсиз, Шайгүл өзүң айтып койчу, биз бирибизди-бирибиз сүйөбүз деп айтчы жездеңе, - деп Амалбек акылынан айныгандай аны карыдан ала жалдырап жатты, - Айтчы Шайгүл, мен үчүн күйөөңдү таштап келгениңди айтып койчу?

- Амалбек, мен күйөөмдү таштап келгеним жок, сен жаңылып жатасың, мен сени эч качан сүйбөйм, сүйгөн эмесмин, ушундайда сыйың менен кетип кал! - деди Шайгүл кайраттана.

- Жок-жок, мен жаңылган жокмун, сен айталбай жатасың! Коркпо, булар өз эмеспи, эртең эле айылга алып кетем, айтчы буларга, бири-бирибизди сүйөөрүбүздү, - деп болбой эле сүйлөп жатканда Кемелбай туруп келди.

Анын көз алдына айылдагы үйү келди. Күндө өзүнүн үйүнөн чыгып бери жакты тиктеп тура берчү уланды эстеди, анда анчалык этибар алган эмес, акырын басып келип:

- Уулум, акыл менен ойлонуп иш кылган жакшы. Сен эстүү баласың, Шайгүлдүн бактылуу болушун ойлосоң ага тоскоолдук кылба. Отур, жай сүйлөшөлү. Бир сөзгө келели. Шайгүл эми бирөөнүн бүлөсү, ушул үчүн мен баарынан кечип отурганымды билесиң, менин бул жашоомдо көрбөгөнүм калган жок, - деди жай сүйлөп. Амалбек үндөбөй туруп укту, ойлонуп муюгандай болду, отуруп сөз тыңшап жатты. Жумабек Шайгүлдү үйүнө алып кетти, анын чыгып кеткенин ал байкабады, үндөбөй отура берди, - Уулум, сенин маңдайыңа дагы бир кызды жазгандыр жараткан, пендем пешенебизде кандай жазылса ошону көрөт турбайбызбы? - деп Кемелбай аны карап калды.

- Кемелбай аке, мен баары бир Шайгүлдү сүйөм, башканын кереги жок, же мен ага тең эмесминби? Айтыңызчы, мени эмнеге таштап кетти?

- Амалбек, отуз жылдап коңшу болуп жашап Уйчубай менен дагы жаман-жакшы айтышкан жокмун, бири-бирибизди сыйлашып турчу элек, алланын жазмышы менен аларга куда болбой калдым, болду эми сен бизди да, Шайгүлдү дагы кыйнаба, - деп отурганда Жумабек милиция алып кирип келди.

- Бул жигит тынчыбызды алып жатат, мүмкүн болсо барчу жерине жеткирип койчу, - деди Амалбекти көрсөтө.

- Тур ордуңдан, бас алдыга түш! - деди милиционер ага орой, - Эмнеге түн ичинде элдин тынчын алып жүрөсүң?

- Андай эмес, эч кимдин тынчын алганым жок, сүйлөшүп жатам, айылдагы коңшусумун.

- Түш алдыма, тияктан айтасың, - дегенде аргасыз туруп баратып:

- Мен баары бир Шайгүлгө тынч жашоо бербейм, ал мага өзү келе турган кылам, - деди да желкелеген милиционердин алдына түшүп чыгып кетти.

Ал милиционер Жумабектин коңшусу болчу, "эптеп үйдөн чыгарып кой" деп суранып алып келген. Ал Амалбек менен сүйлөшүп, ичпегенин билгенден кийин:

- Бар эми, экинчи бул үйдөн көрбөйүн, дагы келгениңди көрсөм бөлүмгө алып барып камап салам, - деди да кетирип ийди.

Ошол бойдон Амалбек агасынын үйүнө барып жатып алды, тамак ич десе дагы болбоду, эртеси эч кимге айтпай чыгып кетти.

Данияр келсе Кушчубек онтолоп араң жаткан экен, баласын көрүп Жайдар кубанып кетти, алдына чай коюп өнтөлөп жатты.

- Ырас келдиң, Шайгүл келген жокпу?

- Аны "окуудан калба" деп таштап келдим. Атамды врачтарга көргөзүш керек го, апа?

- Өзү болбой жатат, муздак ылай кармап жатып ооруп калды.

- Анда дарылатыш керек, жок дегенде айылдык врачты чакырып көрсөтөлү анда.

- Ошентпесек болбойт, минтип жата берсе күчөп кетет, сен айтпасаң мага болбой койду, - деп Жайдар уулуна арыздана отурду.

Түн ичинде айылдык врачты алып келишти. Ал көрүп өпкөсүнө суук тийип катуу кагынганын айтып укол жасап, дары жазып берди да:

- Көп жатпай ренгенге көрсөткүлө, өтүшүп кетпесин, - деп айтты да кетти.

Данияр эртелеп чыгып сабакка жетишпей калды, анан Шайгүлдүн окуу жайынын алдына келип аны күтүп калды. Бир кезде арытан Амалбек көрүндү. Аны көрүп Данияр терс бурулуп кетти, бирок анын көргүсү келбей турганын көрсө дагы Амалбек жанына жетип:

- Кандай тууган? - деди кол суна.

- Жакшы, - Данияр тура калып бир ургусу келсе дагы аргасыз колун берди.

- Бекер кыласың тууган, өзүң деле сезип турасың, Шайгүлдүн мени гана сүйгөнүн, - деп атайы кыжырын келтире жылмайды.

Ушул кезде ал акылынан ажыраган адамдай эле, өзүнүн эмне кылып жатканын дагы сезбей калган, көчөдө баратып дагы өзүнчө сүйлөп, колдорун ар кай жакка булгап кете берчү.

- Сен эмне деп жатасың? - деп Данияр отурган ордунан тура калды, муштумун түйө уруп ийгиси келди.

- Сабыр кыл тууган. "Сабырдын түбү сары алтын" дешет го, эгер сен өзүңдү менин ордума коюп көрсөң түшүнмөксүң, бирок бүт адамдардын пейили тар, баары өзүн гана ойлошот, - деп жерге түкүрүп, эки колун чөнтөгүнө салып тегеренип алды, аны карап турган Даниярдын жини келгенинен туттугуп каны бетине тээп турду, - Дүйнө ошондой тууган, бири ыйлап, бири кубанып теңсиздик менен өмүр өтө берет, тагдыр экөөбүздүн ортобузга бир кызды коюп сыноодо мен калдым, - Амалбек күлүп алды, - Ооба-а, сенин бактыңда чек жок, азыр өзүңдү асманда абалап учкан бүркүттөй ааламды кезип бакыттын даамын татып турган кезиң, а менчи? - Ал Даниярга карап сөөмөйүн өз көкүрөгүнө такады, - А мен болсо боздогон боз торгоймун, менин зарымды эч кимдин уккусу жок!

- Токтот былжыраган сөзүңдү, сенин жомогуңду уга турган айбан жок биерде! - деп Данияр үнүн бийик чыгара тирелише калды, - Сен эмне, мени айбан деп турасыңбы?

- Сен ачууланба, - деди Амалбек жай гана. - Мен сени менен урушайын деген оюм жок, андан эмне чыкмак эле. Сен абдан бактылуу жансың. Сенин алдыңда минтип бечаранын кейпин кийип тургум келген эмес. Бирок менин жан дүйнөм эзилип турат, тууган. - Оор улутунуп оозунан жел чыгара дем алып алды. - Ачууң келсе уруп ал, кол көтөрбөйм. - Алар ошентип турганда чыгып келе жаткан Шайгүл ага байкатпай Даниярга карап колун жаңсап, далдоо менен ары жакка басып кетти. Ал үйгө бара берейин деген эле, аны түшүндү да бир топко унчукпай өзүн кармап угуп тура берди, - Бирок сен качандыр бир кезде менин азап тартканым үчүн жооп бересиң, албетте тиги дүйнөгө барганда, чындык-теңдик ошол жакта имиш, а бул жарык дүйнөдө андай жок, бирин-бири алдамай, алдуусу алсызын кордомой, "байлык" деп кара чечекейин да кечип, атасын баласы, баласын атасы өлтүрмөй, кыскасы баары-баары боло берет! - деп отургучка отурду да башын чеңгелдеп алды.

Данияр ордунан турду да басып кетти.

Ары-бери басып жүргөн студенттер Амалбекти карап таңгалып турушкан, Нагима менен Карлыгач экөө келип, ал отурган орундукка отуруп калды. Баш көтөрүп аны карап алган Амалбек:

- Сулуу кыз, мага күйөөгө чыкчы! - деди капыстан, эки кыз аны мас экен деп ойлоп туруп кетмек болду эле, - Качпай эле койгула кыздар, мен мас же жинди эмесмин, болгону сүйүүгө масмын, - деди жылмая.

- Сүйүүгө? - Нагима курбусун карады.

- Ооба, сүйүүгө масмын, балким ал сүйүүнүн айынан мен жок болуп кетээрмин, ошондо мендей армандуу жигиттин бар болгонун эстеп койгула, - деп кыздарды карап жылмая сурады, - Деги мен кыздарга жагамбы, же таптакыр страш-шный бекенмин?

- Жагасыз, - деп койду Нагима.

- Сүйгөнүңүз кайда? - деди Карлыгач боору ооруй.

- Тигил асманда, мен жетпей калдым, булуттардын ичине чөгүп кетти.

- Кызык адам экенсиз.

- Ооба, аябай кызыкмын, өзүмдөн-өзүм тажап баратам, ушунун баарына силер күнөөлүүсүңөр, кыздар, - деди да ойлуу көпкө отуруп калды. Эки кыз бири-бирин нукуй: "Бул оорулуу эмеспи" деп кетмек болду эле, - Кел отургула кыздар, мен күйүттөн түтөп баратам, - деди ары жылып орун көрсөтө, - Кечирип койгула, мен силерди коркутуп койдум окшойт, ырас айтам, мага кимиңер тиесиңер? - деп кайра жылмая карады.

- Жок-жок, сизге эмес, башкага деле көңүл жок, - деп күлүп койду Нагима.

- Эмнеге, менден башкаларды сүйөсүңөр да?

- Сизден сураса болобу? - деп Карлыгач сурады.

- Сурай бер.

- Сүйгөн кызыңыз кайда эле?

- Ал ушул жерде…

- Ким? - Эки кыз жарыша бири-бирин карашты.

- Шайгүл деген кыз, аны тааныйсыңарбы?

- Мусаевабы?

- Дал ошол, спутникке түшүп учуп кетти…

- Ал сүйлөшүп жүрүп тийбеди беле? - Карлыгач Амалбекти карады, - Сиз деле бизге теңтуш болсоңуз керек?

- Шайгүл экөөбүз бирге окуганбыз, коңшу жашачубуз. Ооба, анда деле күнөө жоктур, жаш болчубуз, - деп Амалбек каткырып алды.

Кыздардын кеткиси жок, кызыгып отура беришти. Амалбек сүйлөп жатты. Кыздар менен таанышканга да жетишти. Көпкө отуруп анан бөлүнүштү.

Амалбек өзүн кармап Шайгүлдү унутмак болду, алаксыгысы келди, оюнан таптакыр алып таштагысы келди. Бирок канчалык өзүн токтотуп кармагысы келсе да болбой эле эсине түшкөндө жаны жай албай түн уйкусунан ойгонуп, ары-бери басып тынчы кете берди. Көз алдында толукшуп баралына келип келишкен келин болгон Шайгүл. Ошентип таптакыр тамак-аш ичпей арыктап кетти. Агасы анын эмне кылып жүргөнүн билбейт, кечинде кеч келип, эрте кетет. Бир күнү Маржан келип калды. Ал санаасы тынбай келген эле. Үйдө күндүз неберелери эле калып, уул-келини жумушта болгондуктан күтүп калды. Чоңураак небересинен сураса ийинин куушура:

- Билбейм, - деп койду.

- Деги Амалбек акеңди көрдүңбү?

- Көргөм.

- Анан качан келип жатат?

- Билбейм.

- Чунак орустар десе, шаарда жүрүп балдарын орусча тарбиялап коюшкан тура, - деп Маржан жата кетти.

Жолдо чарчаганга көзү илинип кеткен экен, келини Зияда келип калды.

- Чоң апа келди! - деди кичүү уулу Марлес.

- Качан келди?

- Жана.

- Каякка кетти?

- Уктап жатат, - деди чоңураагы Лена орусчалап.

- Аа-а, - деп Зияда ички бөлмөгө баш багып, уктап жаткан кайненесин бир карап коюп ашканасына кирди. Ашканадан тамак жасап, чайын белендеди да кайра залга келип:

- Апа, апа, туруңуз, - деди эле Маржан туруп:

- Айланайын десе, жакшы турасыңарбы? - деди.

- Кандай келдиңиз, апа?

- Жакшы балам, жолдо кыйналганга уктап калган турбаймынбы? - деп турмак болгондо, Зияда колтуктап тургузуп, ашканага алып келип орундукка отургузду.

- Балдарыңарды орус кылып коюпсуңар, айланайын, - деп күлдү Маржан.

- Мектепте орусча окушат да, апа.

- Ошентсе да үйдө кыргызча сүйлөшсөңөр боло, эне тилин унутканыңар жакшы эмес, - деп келини менен сүйлөшүп отурганда Тынарбек келип калды.

- Оо, апам келип калган го? - деп бакылдай учурашып стулга отурду, - Кандай апа, атам кандай жүрөт, өзүң кандай келдиң?

- Жакшы балам, кудайга шүгүр, атаң мал менен алышып жүрөт, силерге салам айтты, - деп чоочуп кетти, - Карангү-үн, куржун бар эмес беле, анда май-сүзмө менен эт бар, алып чыгарчы балам, - деп Зиядага карады.

- Апа, алып кирип койгом.

- Ии-йи, ырас кылган экенсиң, баягы Амалбектен кабар алайынчы деп эле келип калгам, ал эмне кылып жүрөт?

- Билбейм, дегеле беттеше албай койдум, кээде келип жатып кетет, мага жолукпайт, эрте кетип калат, аны эмнеге жибердиңер эле?

- Ким жөнөтсүн, - Маржан кейип-кепчип айтып берди.

Зияда таңгалып кайненесин карап, үн-сөзсүз отуруп калды. Тынарбек апасы менен кеңешип, жумушунан эки күнгө суранып алмак болду...

Амалбек бир күн мурун отургучта отуруп Шайгүл менен Даниярды көрө албады, алар арт жагы менен айланып өтүп калышкан, түшкө чейин отуруп жанынан өткөн кыздарга тийишип турганда Нагима басып келди.

- Амалбек кандайсың, дагы эле сүйүүңдү издеп жүрөсүңбү? - деп отуруп калды.

- Өмүр өткөнчө издейм.

- Чынбы, Шайгүлдү ошончолук сүйчү белең?

- Айтпа, өзүмдү анчалык сүйбөйм…

- Ыраспы?

- Айттым го?

- Кызык, ушундай күчтүү сүйүү болот экен да…

- Болгондо да кандай дейсиң, сен мени сүйө аласыңбы?

- Кантип? - Кыз таңгала Амалбекти карап калды.

- Ушинтип эле, сен мени катуу сүйчү Нагима, мен сүйгөн адам мени таштап кетти, а сен мени сүйүп калчы, биз бактылуу болобуз, - деп Нагиманын колун кармап алып, - Сүйө аласыңбы? - деди.

- Амалбек, сен тамашаңды койчу ээ, ошо дагы сөзбү?

- Мм, демек сен да мени сүйбөйсүң, балким сүйгөнүң бар чыгаар Нагима, мейли анда, мен кетейин, - деп ордунан туруп жөнөгөндө Нагима:

- Токтой турчу, - деди аны токтотуп.

- Эмне, сүйүп калдыңбы? - деди Амалбек бурулуп жылмая.

- Жок-жок, мен башканы айтайын дегем.

- Айта бер.

- Бош болсоң ашканага барып чай ичпейлиби?

- Бооруң оорудубу, мен алып беришим керек го?

- Жо-ок, сен менин коногум бол, жүрү кеттик.

- Кетсе кеттик, - деп экөө ашканага киришти.

Амалбек бир аз арыктап кеткени болбосо келбеттүү жигит, Нагима аны чынында жактырып калган эле.

- Нагима, сүйүп көрдүң беле?

- Жок, бирок сүйүү катын алгамын.

- Катка ишенбейсиңби?

- Жок.

- Кыздарга кагазга жазганга ишенбейт экенсиңер да, демек Шайгүл менин жазган дептеримди окуган да эместир…

- Кандай?

- Өзүмчө…

- Аа, алып отур тамактан, бир аз болсо дагы чөккөн көңүлүңдү көтөрөйүн деп ойлодум, адамдын көңүлүнөн өткөн жумшак нерсе жок эмеспи?

- Туура.

Жалбырактай дирилдеген жаздагы.

Жаш жүрөгүм сыздап сен деп ыйладым.

Неге мынча кайдыгерсиң, жаш сулуу.

Кабыл албай ак сүйүүмдү кыйнадың.

Тал теректер шуудурашса ыргалып,

Келбетиңди эстей берем сагынып.

Көз алдымдан кетпей сенин көздөрүң,

Унутпачы убадаңды сен берген.

Келесиңби кубансын бир жүрөгүм, - деп Амалбек ойлуу отуруп калганда, Нагима көздөрү жайнай колун чаап калды:

- Акындык жайың бар окшойт?

- Аргасыздан ыр курадым, оо бийкеч.

Жүрөгүмдү жаралады бир сулуу.

Унуталбай кайгы тартты жүрөгүм.

Оо махабат, жоктур сенден эң улуу? - Нагима мен акын эмесмин, бул сөздөрдү жүрөгүмдөн чыккан күйүт айттырып жатат, - деп улутуна турмак болду, - Сага чоң рахмат, жигит болуп мен сыйласам болмок, сен озунуп кеттиң.

- Эч нерсе эмес, Амалбек, суроо берсем болобу?

- Сура.

- Эми башканы андай сүйө албайсыңбы?

- Мени сүйгөнгө үйлөнгүм келет.

- Эмнеге?

- Көңүлүм калды.

- Кайрадан сүйүү келет дегенге ишенесиңби?

- Эми мага сүйүүнүн кереги жок!

- Демек ишенбейсиң.

- Ооба, эчтекеге ишенбейм.

- Жакшы, - Экөө катар басып жол боюна келишти.

- Мен кеттим, эртең жолугабыз.

- Макул.

- Жакшы бар.

- Өзүң дагы, - Экөө эки жакка бөлүнүп кетти.

Амалбек эл көп жүрбөгөн кенен бактын ичине жетти, шаардын чет жагындагы бактын ичи саргайып, жалбырактар жерге сапырылып, дарактар арбайып-тарбайып көзгө куник көрүнүп, кеч күздүн мээлүүн абасы адам баласын бирде чыйрыктырып, бирде ылымта тартып турган. Амалбек сапырылган жалбырактарды шатырата жерге отуруп алды, ал азыр баарына кайдыгер, өз акылын өзү топтой албай ар кайсыны ойлонуп, чоң түп даракка жөлөнө отурду, көзүн жумуп уктап жаткандай болду. Бирок ал: "Мен эмне болуп баратам, ушуну менен эле баарын бүтүрүп коембу, же кыйналып жүрбөй бул өмүрдөн өтүп кетсемби, жандан кечсемби? Жо-ок мен эркекмин, мени сүйбөгөн, мени сыйлабаган бир кыз үчүн өзүмдү курмандыкка чала албайм, андан көрө ага көрүнүп жашашым керек" деген ойго келди.

Көзүн жумган бойдон былк этпей отура берди, эки бутун сунуп, колун чөнтөккө салган бойдон былк этпей отурган жигитти ары өткөн, бери өткөндөр карап коюп өтүп жатты. Жүзүн кепка менен жаап алган: "Мен кандай адам болуп баратам, минтип жүрө берсем жинди атанам, бирөөлөр менден кача баштайт, балким билинбестен чындап жинди болуп кеткенимди байкабай калаармын. Жок, мен анчалык жеңил эмесмин, эрктүү болушум керек, өзүмдү кармап намыстанышым керек" деген ой башына келди, бирок дале кыймылдабады. Күүгүм кирип келе жаткан. Бир кезде топурап үч-төрт адам түпүрөп жанынан дабыш угулганда жай гана кепкасын алып көзүн ачса, үч милиционер туруптур:

- Ой бул тирүү го? - деди бири.

- Ким айтты өлүк деп? - Амалбек шымдарын кагына өйдө болду, - Көрдүңөрбү, аман соомун.

- Массыңбы? - деди бири.

- Жыттап көр, сен дагы кээде ичет чыгаарсың, а мен эч качан татып көргөн эмесмин.

- Анан эмне биерде отурасың?

- Жүрөк канап табиятка жалындым. Сүйгөн кызым таштап кетип, тагдырыма таарындым…

- Кой кеттик, - деп үч милиционер бири-бирин карады да өз жолдоруна түштү.

Амалбек илкий басып баратып: "Кенен отуруп ойлонгонго да мүмкүнчүлүк беришпейт" деп жан чөнтөгүн сыйпалап көрсө тыйыны бар экен. Дүкөндү көздөй жөнөдү. Ал ичкиси келди, дүкөнгө кирип:

- Жалынды басаар бирдемеңер барбы? - деди жылмая.

- Кандай жалынды? - Сатуучу таңгала карады.

- Кадимки эле, ич өрттөнүп жатат эже, бирдеме бериңизчи?

- О алла-а, жапжаш эле бала экенсиң, сүйлөгөнүңдү кара. Мына, - деп чоң стаканга арактан куюп алдына койду.

- Эже, ачуубу?

- Эй бала, мени тамашалап, же келекелеп турасыңбы? - Аял ачуулана карады.

- Ырас айтам, биринчи жолу ичким келди, - деди Амалбек жай гана. Сатуучу аны таңгала бир аз карап, бүткөн боюна көз жүгүрттү: "Өзү жаш, тиш каккандардан эмес, буга эмне болгон, азыркы жаштар болор-болбоско туруштук бере албайт" деп ойлоп, өз иши менен алектенип, аны карагысы келбей бирдемени кармалады. - Эжеке, ачуунун артынан жегенге бирдеме бериңизчи, ичкенден коркуп жатам.

- Корксоң ичпе.

- Жо-ок көрөйүн, балким көп нерсени унутаармын.

- Мына, нандан ал.

- Рахмат эже, - деди да Амалбек көзүн жумуп туруп аракты кылкылдата жутуп, - Өөх! - деп ичин баса, бир колу менен нандан алып оозуна салды.

Бир аз турду да дүкөндөн чыкты, заматта башы айлан көчөк болуп тегерене баштады. Бир жолу отуруш жасап кыздар-балдар болуп вино ичкенин эстеди, арак мынчалык боолорун билген эмес. Бир аздан кийин көңүлү көтөрүлүп эки жакты карап кетип жатты. Дал ошол күнү Маржан келип кечинде ичкенин көрүп койгондуктан ал апасы уктап жатканда эрте кетип калган болчу. Эртеси Амалбек училищага барган жок, ал жумуш издеп жүрдү, акыры курулуш куруучулар менен шаардын четиндеги айылдардын бирине кетип калды, баарын унуткусу келди: "Жаштык кылдым окшойт, бекер кылдым, Шайгүлдү күйөөсү кордобос бекен, мен аны ойлогон эмес экенмин, бактылуу болсун байкушум, кандай гана күндөрдү көрбөдү, мен аны ошонусу үчүн аяп сүйсөм керек" деп ойлуу отурганда бирге келген жигиттер эч капарсыз каткырып жатышты. Жумуш менен жаңы таанышып үйдүн фундаментинен баштап, бүткөнгө чейин алышкан. Ал күнү жатып калышты. Эртеси баары даяр болгондо гана ишке киришип, отуруп ойлоого дагы убакыт болгон жок.

Маржан менен Тынарбек экөө училищага келип түшкө чейин карап турушту, бирок анын карааны көрүнбөдү. Ошол кезде Шайгүл Маржанды көрүп басып келип учурашты.

- Жакшы жүрөсүңбү айланайын, - Маржан аны бетинен өөп учурашты.

- Өзүңүздөр жакшысыздарбы? - деп ыйбаалуу учураша Тынарбекке карап баш ийкеп койду, - Жакшысызбы?

- Оо Кемелбай акенин баягы кызы сулуу кыз болуп чоңойгон тура, - деп Тынарбек күлүп калды.

- Аман болсун айланайын, - Маржан уулуна "унчукпай тур" дегендей белги берди да, - Ыя кызым, Амалбекти көрө албадыңбы? - деди кызды суроолуу тиктеп.

- Эже, мен эмне деп айтаарымды да билбейм, бүгүн келген жок, биз тигил жагы менен качып кирип калдык, окууга келбей коюуга да болбойт, бир айдан бери ушул жерде түнөөчүдөй жүрдү.

- Кызым, сен деле аны күтсөң болбойт беле, тырмактайыңардан бирге өстүңөр, ынак элеңер, эми анын кайда кеткенин, кайда жүргөнүн кантип билем, кокуй? - деп Маржан ыйлап кирди.

- Мени кечириңизчи, мен мындай болоорун билген эмесмин, кечириңизчи, мен аны менен сүйлөшчү эмес элем го, болгону бирге чоңойдук, ал чын деңизчи, мынчалыкка бараарын билген эмесмин, - Шайгүл күнөөлүүдөй ыйлап ийди.

Ошол кезде Данияр алардын жанына жете келди.

- Шайгүл, биерде эмне турасың? - деп жанындагыларды карады, - Кечиресиздер…

- Данияр, мен сага түшүндүрөм, токтой турчу.

- Айланайын десе, Шайгүлдүн күйөөсү сенсиңби? - деди Маржан ага мээримдүү карап, - Бул кыз мага да өзүмдүн кызымдай болуп калган, бактылуу болгула айланайын, бара койгула, аман жүргүлө.

- Жакшы барыңыздар, - деп Шайгүл Даниярдын жетегинде кетип баратты.

Узата караган эне-бала үндөбөй көпкө турду.

Данияр менен Шайгүл унчугушпай батирине келип отуруп калышты: "Кандай гана жакшы аял, мен деле булардан качмак эмесмин. Даниярды көрбөгөндө, аны өзүм жакшы көрүп калбаганда турмушка чыкмак эмесмин, бирок Амалбекти сүйдүм беле? Жо-ок аны жөн гана классташ коңшу катары баалачумун, анын мага жасаган мамилесин кантип унутмак элем" деп ойлонуп отурду Шайгүл.

- Шакен, - деди Данияр ошол кезде, ал агы эркелетип ошентип атай баштаган эле - Шакен, жанагы аял Амалбектин апасы эмеспи?

- Ошол…

- Эмнеге келиптир?

- Амалбекти издеп келиптир.

- Бүгүн келген жок го, ээ?

- Ооба, көрүнгөн жок, келбей эле койсунчу.

- Эми алып кетишет да. Башты оорутуп, нервке тийди.

- Данияр.

- Оов.

- Сен мени чындап сүйөсүңбү?

- Эмне болду?

- Деги да.

- Бул сөздү кандай кылып далилдейм, канча жолу сурадың жаным, сени сүйгөнүмө күмөнүң барбы?

- Жок, жөн айтам да.

- Мен сен үчүн кашыктагы сууга чөгүп өлөм, үстөлдөн секирем, арыктагы сууга агып кетем дешеби артисттер, дал ошондой сүйөм, - деп Данияр ойлуу отурган келинчегин кучактап өөп койду, - Мен сени сүйбөсөм эмдигиче ар кайсы кыздарга сөз айтып ойноп жүрө бермекмин. Качан сени жолуктурдум, ошондон баштап башкага көз артпай калгамын.

- Рахмат.

- Сени капаланттыбы?

- Ким?

- Жанагы коңшуң.

- Жок, ал эч нерсе деген жок.

- Анан эмнеге көңүлүң чөгүп калды?

- Жөн эле, башым ооруп турат, - деп Шайгүл эми гана ордунан туруп барып кийимин алмаштырып келди да тамак жасоого киришти, - Атам жакшы болуп калдыбы?

- Үйдөн дарыланып жатат, эмки алтынчы күнү экөөбүз тең барып келели ээ?

- Макул.

- Шайгүл, сен менден бир нерсени жашырып жатасың.

- Эмнеге?

- Оюңда Амалбекке бооруң ооруп жатат го?

- Койсоңчу?

- Ошондой сезип турам, аны кыялбай тургандай көрүнөсүң.

- Муну менен эмне дегиң келип турат?

- Шакен, ишенсең андан сени кызганып кетчү болдум, балким аны менен сүйүү романын өткөрүп жүргөндүрсүң, жөндөн жөн эле жиндинин кебетесин киймек эмес, жигит жан дили менен сүйсө да кыздар дайым запас менен жүрөт да, бири болбосо бири деп…

- Жинди болбо!

- Тек айтып жатам да.

- Ойлонуп сүйлө, - деп Шайгүл ага карап жылмайып койду, - Болбосо ошондой запастагыларга кетип калам!

- Эмне, дагы запасың барбы?

- Таба коем, - деди күлө.

Ошол убакта Алтынай кирди, анын ичи чандайып төрөйүн деп калган.

- Кандайсыңар?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар, Шермат келген жокпу?

- Эшикте.

- Эмне, отко кирмекпи? - Данияр тамашалап күлүп сыртка баш багып Шерматты ээрчитип кирди, - Кийин отко киргизебиз, азыр биз менен чогуу бол.

- Кандай Шайгүл? - Шермат Шайгүлдү карай келип өбүшө учурашып Данияр көрсөткөн орунга өттү, - Кандай жашоо?

- Эң сонун.

- Ошондой болсун, биз Алтынай экөөбүз силерди конокко чакырып келдик, үлпөт той эмес дечи, достор менен тууган-уруктар биригип той өткөрмөкпүз, ата-энем той бербесек болбойт деп камынып жатышат, силерге өзүбүз келдик.

- Чакырган жерден калба деген, албетте барабыз качанкыга? - деп Данияр экөөнү алмак-салмак карады.

- Бүрсүгүнү.

- Кайсы күн болот, аа ишемби болот тура, а-ай биз атамды көрүп келсекпи дедик эле, кашайгырдыкы ишемби күнү болгонун кара, - деп Данияр ойлонуп калды.

- Сага эмне болду? - Шайгүл тамагын алып келип Даниярды карады, - Эмнеге ойлонуп калдың?

- Шакен, сен экөөбүз эртең сабактан кийин эле дароо айылга жөнөшүбүз керек, анткени эртең жума да, ишемби күнү таң эртең менен келе бергенибизге жакшы.

- Макул.

- Болду анда, тойго буйруса бара турган болдук.

- Эмне, барбайм дедиң беле?

- Жо-ок, бара албай калабызбы деп ойлоп ийбедимби, атама барбасак болбойт, ооруусу кантти экен? - деп Данияр ойлоно түштү.

- Кам санаба, барып келебиз, тойго да барабыз, - деп күлүп калды Шайгүл.

- Силер барбасаңар болбойт, Алтынай менен Шайгүлдүн достугу мени абдан ойго салып сыймыктантат, биздин баш кошуубузга себеп болду, бул болбосо мен эмдигиче кандай болот элем, - деп Шермат күлүп калды эле Алтынай:

- Мен эчтеке билбейм, Шайгүл баарын өзү бүтүргөн - деди.

- Ошондогу айткандары мени эсиме келтирди, ошондон кийин көп ойлондум, Айдай болсо мага жолобой качты.

- Чынында сени келет деп ойлогон эмесмин, кийин тойдон көргөндө Данияр менен тааныш болсо керек деп жүрбөйүнбү? - Алтынай Шайгүлдү карады, - Сен кандай болуп жетише калдың?

- Жетиштим да. Ошондо өзүмдүн эмне деп сүйлөгөнүмдү да билбейм, баатыр кылган сенин көз жашың болду окшойт, сени ойлоп жаман болбодумбу?

- Рахмат курбум.

- Азамат, мендей эсирген жигиттерди эсине келтирдиң.

Төртөө тамашалашып отуруп тамак ичишип анан кетишти Шерматтар. Данияр менен Шайгүл аларды узатып коюп кирип эркелеше кетти.

- Мен бактылуумун жаным, кимдир бирөөнүн бактысын өзүнүкүнөн жогору койгон адам ар дайым ак көңүл, таза пейил, ниети адал болот, сендей келинчегимдин барына сыймыктанам.

- Тим эле баатыр кылып ийдиң го? - Ажарлуу жылмайды Шайгүл.

- Карачы Алтынайдын бактылуу болуп турганын, эгерде сен болбосоң ошол батирде эптеп никесиз төрөп, жашырынып бирөөгө бермек же өлтүрүп салмак, өмүр бою өкүнүп бактысыз күн көрмөк, өкүнүп жүрүп кандай тагдырга туш келмек эле ким билет, сен аларды бактылуу кылдың.

- Ошол кезде мен сени дагы жек көрүп кетчүмүн, "эркектердин баары бирдей, бул дагы мени алдап таштап кетет" деп ишенчү эмесмин…

- Чынбы?

- Ананчы, Алтынайды мени көрүп таштап койдуң, ал сага өчөшүп бир жигитке учурап жаңылып калып, көз жашын көлдөтүп ыйлап, кийинки окуу жылы башталганда окуусун таштап жалгыз батирге чыгып кетти, ошолорду көрүп туруп кантип ишенем? - деп Даниярга көзүн чоң ачып карады, - Ошондо менин кандай абалда калганымды сен билсең…

- Алтын жарым, түшүнөм сага, мейли эми эс алалы ээ?

- Ии-ий, эс алыш керек, эртең айылга барганга эмне кылабыз?

- Куруу барабызбы?

- Менде эч нерсе жок, жолго, - деп каткан акча бар.

- Мен дагы, балким атамдан алсак кантет, кийин кайра беребиз да?

- Өздөрү эптеп жашап жатса болбойт го?

- Атамдын пенсиясы бар, кыйналбайт, эжемдер карап турат.

- Анда сен барып кел ээ?

- Сабактан кийин, - деди да жатып калышты. Эрте турган Данияр Шайгүлдү жулмалап, өпкүлөп жатып ойготту.

- Тур жаным, бирдеме ичип алалы, а то ачка болосуң, эртерээк барып сабактан уруксаат алсакпы дейм?

- Бир аз кое турчу, уйкум ачылбай жатат, жата турайынчы…

- Жо-ок кечигебиз, - деди да Данияр эртең мененки тамактарын дасторкон жайып даярдады.

Шайгүл туруп жуунуп келди дагы тамакка отурду. Экөө тамактанып алды да сабакка жөнөштү. Түш ченде алар жолугушуп сүйлөштү да Кемелбайга жөнөштү, жолдон кеңешип Данияр бери жактан күтмөк болду. Шайгүл келгенде атасы жалгыз отурган, кызын көрүп кубанып кетти.

- Кызым ал-абалың кандай, окууң жакшыбы?

- Баары жакшы ата.

- Жөн-жай эле келдиңби?

- Ооба, ата мен…

- Айта гой кызым.

- Ата, биз кайнатамды көргөнү бармакпыз… анан…

- Эмне болду, куда жакшы эле бекен?

- Жакшы эле, - деп Шайгүл бирдемени айталбай жатканын Кемелбай түшүнүп.

- Акча керектир, ошону айталбай жатасың го кызым? - деп күлүп калды.

- Биз кайра эле беребиз, ата.

- Болду, бербей эле койгула, баягы күнү берем деп жатып алаксып унутупмун, эки жүз сом даярдап алгам, - деп төш чөнтөгүнөн жүз сомдуктан экини алып чыкты.

- Ата, ал көп го, пенсияңыз жүз жыйырма эле, бул акчаны кайдан таптыңыз?

- Кызым, айылдагы малды бүт сатып Сары акем алып келип берди, эптеп үй алып алалы дедим эле, беш эчкини калтырып калганын сатыптыр, беш миң алып келди.

- Анда жок кылбай үй издейли.

- Жумабек издеп жатат.

- Жакшы болуптур ата, муну биз кайтарып беребиз ээ? - деп кубанычтуу бетинен өөп алып чыгып кетти.

Данияр экөө майда-барат алды эле он беш сомго чоң себет болду, ээрчишип кирип келгенде Кушчубек баш көтөрө:

- Келгиле балдарым, окууңар кандай? - деди алсыз.

- Жакшы болуп калдыңызбы ата?

- Дурус уулум, мени кургак учук болуп калыпсың дейт го, эми дарылануунун деле кажети жоктур, - деп улутунду Кушчубек.

- Койчу, ошенттиби доктур?

- Ооба.

- Анда сөзсүз ооруканага жатышыңыз керек, - деп ошол күнү эле коңшусунун жеңил машинасы менен шаарга алып келип жаткырышты.

Доктор керектүү дарыларын жазып: "Эртерээк келгениңер жакшы болгон экен, алдын алууга болот, сакайып кетет" деди врач аларга. Данияр кубана врачтын колун кыса коштошту.

Жай өтүп жаткан өмүрдүн кандай өткөнү билинбей тиричилик менен алышып жүрүп адам баласы жашы өтүп картайганын сезбей да калат эмеспи. Анын сыңары денсоолугу калыбына келип, өйдө ылдыйды ойлонгон Кемелбай аял алсамбы деп ойлой баштады, кантсе дагы толуп ташып кырк бешке келип калган эркек аялсыз тура алмакпы?

Ал ошентип ойлоп жүргөндө агасы Сары капысынан жатып эле бул дүйнө менен кош айтышып кете берген экен, кабар келип калды. Шашылыш карындашы-күйөөсү болуп жөнөп калышты. Шайгүлдүн кайын журтуна өзүнчө кабар беришкен. Алар дагы өзүнчө жөнөштү.

Өлүктү койгондон кийин кызык окуя болду. Кемелбай эми үйгө кирип куран окуп чыкканда эки-үч аял менен Оңолкан ыйлап боз үйгө кирди. Кемелбай ага көрүнбөөгө аракет кылып тамдын артына басып кетти. Оңолкан Өсөрканга жолугуп, көпкө кошок айтты, анан басылып абысынына көңүл көтөргөн сөздөрдү сүйлөп, өткөн-кеткен үчүн кечирим да сурап жатты.

- Акемдин арбагы кечирсин, балдарым турганда баары бир ушул жактык болом жеңе, өлсөм дагы сөөгүм силердики.

- Туура, ал айтканыңда калет жок Оңолкан, сенин жаңылыштыгың бармактай кызга эрегишкениң болду, эми алар өздөрүнчө оокат кылып жатат, балдар болсо окуп жүрүшөт, Шайгүл турмушка чыгып алган.

- Эмне кылайын жеңе, балдарымды сагындым, барайын деп дайын-дарегин билбей араң жүрөм, - деп Оңолкан бышактап ыйлап калды.

- Эми болбойт го, бала азыр кадимкидей болуп калган, таягын таштап жакшы жүрөт, ошонун баарына сен себепкерсиң, бутунун сыныгын доктурга көрсөтпөй жүрүп чолок, төкөр деп көңүлүн калтырдың, күйөөң сени жакшы эле көтөрдү, - деп Өсөркан аны суутмак болду.

- Жеңе, эми өйдө карап сүйлөбөйм, мени жараштыр, балдар турат, башка аял алса балдарга карамак беле, кыял-жоругумду оңдоюн жеңе….

Ошол убакта эшиктен өкүргөндөр угулуп Өсөркан ары карап кошуп калды, Оңолкан менен бирге келген аялдарды чогуу чайга киргизишти. Алар үйгө киргенде Кемелбай өкүрүп турган, Оңолкан байкабай өтүп кетти. Кемелбай эми ал кеткенче көрүнбөй коюуга аракет кылса да болбой өкүрүп келгендерден чыгалбай турду. Балдардын колу бошобой аны коюп коюшкан эле. Бир кезде Оңолкан үйдөн чыгып Өсөркан менен коштошуп кетмек болуп боз үйгө келе жатып Кемелбайды көрүп калды, ичинен жым дей түштү. Көрмөксөн болуп боз үйгө отуруп калды. Өсөркан аны жактырбагандай болуп жанындагы кыздары менен сүйлөшүп отура берди эле:

- Жеңе, Кемелбай кете элекпи? - деди акырын.

- Кайда кетет агасы өлүп жатса? Атасындай агасы болчу, сен эле катыштырбай байкушту жүдөтүп ийбедиңби, балдарым аны өз бир тууганындай көрөт, момун байкушту жаман кылып ийгенсиң, эми аны ойлогонду кой Оңолкан, анын жашоосуна кийлигишпе, - деди анын үмүтүн үзмөк болуп, - Балдар чоңойсо сени карабай коймок беле, акыры өз балдарың эмеспи, - деди.

- Жеңе, эми ушундайда сиздин көңүлүңүздү ооруткум да келбейт, бирок: "адашкандын айыбы жок" деген сөз бар го?

- Адашканда да айрыкча адаштың. Сенден башка аял болсо биерден кетмек эмес, эми ал айылга келбес болду, там алганы жатат, там алса аял алып беребиз, ал дагы адамча жашаш керек.

- Болуптур жеңе, мен кетейин анда, жакшы тургула. "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" демекчи, мен дагы өз күнүмдү көрөөрмүн, - деп коштошуп, жанындагы аялдар менен кошо чыгып кетти.

Ал Кемелбайды аңдып калды. Кыш болгондуктан чүмкөнө жоолук салынып алып акмалап үшүгөнүнө карабай Сарынын үйүн акмалап эки күн жүрдү, акыры бир күнү Кемелбай чоң сумканы көтөрүп таксилер турчу жерге жөнөдү. Артынан кошо жүрүп Фрунзеге жөнөгөн таксиге отурган Кемелбай түшкөн унаага жетип сүйлөштү да арткы орундуктан орун алды. Фрунзеге жыйырма беш сом эле, акысын төлөп коюп оронуп-чулганып ооруган адам болуп көзүн жума отуруп кете берди. Кемелбай эч нерсени байкаган жок, кечке маал шаарга жетип үйүнө бара турган автобуска түшкөндө, Оңолкан да арткы эшиктен кирип орун алып эки көзү Кемелбайда болду: "Эми менден качып көр" деп ойлонуп ал жерге түшкөндө кошо түштү. Байкатпай артынан келип анын кирген үйүн жакшылап көрүп алып анан кайра артка кетти. Бараар жери деле жок болчу, ал күнү мейманканадан орун алып жай гана жатып калды. Эртеси тааныш автобуска түшүп алып кечээ көргөн үйүнөн адашып көпкө убараланды, анан жолдо туруп алып улам өйдө-ылдый өткөндөрдөн Жумабек менен Шекергүлдүн үйүн сурап жатты. Бир кезде орто жашаган адам:

- Сиз аркы көчөгө барыңыз, ошол көчөнүн жыйырма төртүнчүсүндө турат, - деди токтой калып.

- Оой рахмат сизге, - деп Оңолкан кийинки көчөгө жөнөдү.

Ал убакта Жумабек менен Кемелбай Кызыл Аскердеги көчүп жаткан орустун үйүн көрүп келгени кетишкен. Оңолкан баягы дарбазага жетип кубанып кетти. Шарт ачып кирип барганда эшиктин алдында Мадыл жүргөн, аны тааный коюп эле туруп калды.

- Апа, каяктан келдиң?

- Уулум, силерди сагындым, - деп кучактап калды.

Канткен менен эне деген эне эмеспи, Мадыл дагы кучактап алып ыйлап ийди.

- Качан келдиң апа, кантип таптың?

- Аны сураба уулум, Адыл кайда?

- Ал мектепке кеткен.

- Окуусу жакшы элеби?

- Ооба.

- Атаң каякта?

- Жездем экөө үй алабыз деп кетти.

- Качан кетти эле?

- Жаңы эле.

- Ии-ий да, - деп отуруп калды, - Адыл качан келет?

- Түштө келет, мен түштөн кийин барам.

- Менин кетишимди каалайсыңбы эми? - Оңолкан уулуна суроолуу карады, - Атаң келгиче, Адыл менен учурашып анан кетип калайын.

- Кетесиңби?

- Анан эмне кылам, силерди сагынбадымбы?

- Адыл акем азыр келет, атам сизди дагы кетиреби?

- Билбейм уулум, кет десеңер кетем да…

- Апа, кетпей эле коюңузчу, эми жаңы үй алсак өзүбүзчө жашайбыз, Шайы эжемди төркүлөтөбүз деп жатышкан, сен атамдан кечирим сура, биз менен кал, - деп Мадыл апасын кетиргиси келбей турду.

Бул Оңолканга майдай жакты: "Адыл эмне дейт, эгер ал дагы кетпе десе анда кудай берди, эптеп балдарымдын маңдайында калат элем" деп ойлонуп кайрадан апасынын үйүнө баргандан заарканып жатты, анткени келини аны жактырбай үй жумушун жасаса да жакпай кыйналып кеткен эле. Алты ай, жети айдын ичинде өзүн-өзү тилдеп же Кемелбайдын дарегин билбей араң жүргөн. Сары өлгөнүн угуп: "Кемелбай сөзсүз келет" деп атайын келген болчу. Ал ойлонуп отурганда эшик ачылып Адыл кирди:

- Апа, - деди ал көрүп эле, - Качан келдиң? - Ал дароо эле: "Атам алып келген го" деген ойдо болду.

- Келдим балам, силерди сагындым, ойлонуп жаман болдум, силер мени ойлогон жоксуңарбы? - деп Адылды кучактап эки бетинен өөп, жанына отургузду, - Мен силерсиз куурайм го? - Анан ыйлап кирди, - Силер өз балам болуп туруп мага мээримиңер жок, башка балдар апасын колдоп, тилинен чыкпайт экен, эми силерди көрдүм, мен кетейин, - деди ордунан козголо, Адылды сынай.

- Апа, сен асылган эжем күйөөгө тийген, эми атам менен жарашып жашасаңар болот го, өзүңүз ашыкча сүйлөй берсеңиз атамдын жини келет да…

- Ошончолук эле мени көргүңөр келбей жатса кетейин балам, аман болсоңор болду, - деп ыйлап кийинип жатканда эшик ачылып Кемелбай кирди да Оңолканды көрүп эле таңгалып туруп калды:

- Сен кайдан?

- Сенин артыңдан…

- Эмнеге, сенден качып кутулдук эле го?

- Качсаң кетем коркпо, балдарымды сагындым, - Ыйлап жатты, - Балдарымды көргөнгө да уруксат бербейсиңби?

- Балдарды бетиңе кармагың келдиби?

- Жок, бир көрдүм, эми кетем, - деп босогого келип бутун кийип жатканда Мадыл.

- Ата, апам кетпей эле койсунчу?! - деди акырын, Адыл болсо жер карап тултуюп турган, - Эжемдин апасы жок болгону жетет го, биз апабыз менен чогуу бололучу?

- Уулум…

- Ата, апамды куубай эле койчу, кала берсин, - деди жер караган бойдон Адыл дагы.

Кемелбайдын айласы куруй түштү, балдарын кантип тыя алат, кантип жан этинен жаралган балдарына жок дей алат? Эки уулунун сөзүнө каршы турууга анын кудурети жетпеди, ошондуктан аяк таштап сыртка чыгып кете албай же жайланып отура албай, Оңолкан босогодо эми каалганы түртмөк болуп түртүүгө кудурети жетпей Кемелбайдын бир сөзүн күтүп туруп калган.

Эмне кылаарын билбей селдейип таштай катып турганда Мадыл атасынын жанына келди:

- Ата, апамды биз үчүн кечирип кой, эгер бизди балам десеңиз, энесиз чоңоебузбу, ата?

- Ата, кечирип кой апамды, экинчи жолу дагы бирдеме десе биз Мадыл экөөбүз эле акырын кетирип коебуз, - деп Адыл айтканда Кемелбай оозун камдап келе жатканда Оңолкан жини келип:

- Мен үчүн кыйналбагыла балдарым, аман-эсен чоңойсоңор эле болду, кош жакшы тургула! - деп эшикти түрткөндө.

- Оңолкан! - деди Кемелбай, - Балдар үчүн кал, кетпей эле кой эми. - Ошол кезде аларга Шекергүл келе жаткан, Оңолканды көрүп туруп калды, анын артынан чыккан Кемелбай, - Оңолкан азыр калсаң кал, эмкиде кеч болуп калат! - деди. Оңолкандын кадамы шилтенбей тушала түштү: "Жакында үйлөнөт, кадимкидей болуп калды, доктурга көрсөтпөй сенин кылганыңдын азабы" деген Өсөркан абысынынын үнү кулагына жаңырып кайра артына бурулду, - Балдардан өтүп кете албайм, алардын сөзүн кантип кайтара алам? - Ошол убакта эшик ачылып Адыл менен Мадыл карап турган, - Мына, өз үй, өлөң төшөгүң, эсиңе киргендирсиң?

- Жеңе качан келдиңиз, суукта турбай ичке киргиле, - деп алардын ортосундагы ажырымды улагандай Шекергүл сөзгө келди.

Ал түшүндү балдарга эненин мээрими керек экенин. Эне менен баланы ажыратуунун өзү күнөө дешет, эгер бирөө себепкер болсо. Жок, аялдын өзү балдарын таштап же бала өзү энеден көңүлү калса, анда энесинин күнөөсү, ошондуктан эне-баланы бөлүүгө болбосун бир туугандар түшүндү. Адыл менен Мадыл өздөрү дагы чоң адамдай акылдары жетик, баарын түшүнгөн балдар. Жер карап Оңолкан үйгө кирди, ага ушул керек болуп турган. Балдарын сагынып, бир жагынан төркүнүндө жүрүп кагуу жеп сыйдан кетип баратканы себеп эле. Бүтүн бир үйбүлө кайрадан өз турмушун улай жашоонун агымы менен болуп, барга-жокко чыдап жашамак болушту.

Кемелбайга там жакты, үч бөлмө үй, короосунда эки бөлмө өзүнчө времянкасы, мончосу бар экен. Кышында барбай кое турмак болуп ал үйдү актап, тазалап даяр кылып коюп анан тиричиликтерин өткөрө баштады. Эки уулунун кийим-кечесин жууп, тамагын даярдап, Оңолкан өз каталыгы үчүн алардын алдында күнөөсүн жууга аракет кылат. Ошол кышта Жумабек Кемелбайды кароолчулук жумушка киргизип койду.

Шайгүлдү төркүлөтүүгө Шекергүл өзү камынып болгонун болгондой кылып төктү. Кушчубек жакшы болуп ооруканадан чыккандан кийин кудаларын тосуп алышты. Шайгүл ошондо гана көрдү апасын, баягы бойдон келе элек болчу. Даниярды көргөн Оңолкан: "Дегеле бул жетимдин багын кара, бактылуу болгон экен" деп ичинен жаман көрүп турса дагы "кызым" деп жан-алы калбай жүрдү. Алдына түшүп, эки миң сом, бир кунажын, беш кой алып келишкен. Кийитти жакшы кийгизишип, коноктоп кудаларды көңүлдүү узатып Кемелбай эс ала түштү: "Кызымдын милдетинен кутулдум, эми себине даярданышым керек" деген ойдо өз оюн айтпай купуя сактап жүрдү.

Арадан дагы билинбей эки жыл өтүп кетти. Шайгүлдүн боюна болбой жатты, Данияр фельдшер болуп малчыларды кыдырып ооругандарды дарылап, оор болсо ооруканага жөнөтүп, өз иши менен алек. Шайгүл айылдык ооруканада медсестра болуп иштеп калды. Самара бой тартып окууга тапшырмак болду эле, таежеси Кайнар аны шаарга алып кетип заводго киргизип койду.

- Бир жыл иштеп окууга тапшырсаң жакшы болот, болбосо сырттан окуйсуң, ата-энеңдин колу жука, көрүп туруп түшүнүшүң керек, - деди Кайнар ага.

- Макул таеже, иши кылса окусам болду.

- Ошент, сен кыз эмессиңби, түшүн садага.

- Өзүм деле ойлоном эже, бирок ушу жетпеген жашообузга дагы кайылмын, апамдын оңолгонуна эле ыраазы болом, - деп күлмүңдөй карады.

Самара узун бойлуу, арыкчырай, чачы такымына түшкөн көзү карагаттай сулуу кыз. Мөлтүрөп жаштыгына, сулуулугуна чирене менменсиген учуру. Заводдо иштеп жүрүп далай жигиттердин сүйүүсүнө арзыган менен эч бирине көңүл бурбады. Текебер мүнөзү бар. Ал мүнөзүн ата-энеси көп жолу акыл-насаатын айтып койдура албай өткөөл курагы өткөндө өзү калаар деп тим болушкан. Жумушка келип жаңы эле өз ордуна отурган, оператор болуп иштеген Жапар деген жигит андан көзүн албай тиктей бергенин көп байкачу, азыр дагы карап турганын көрүп:

- Жалдырабай ишиңди кылчы! - деди мурдун чүйрүй.

- Эмне, караса болбойбу?

- Болбойт.

- Жагып калдың, - деди Жапар жылмая.

- Билем, бирок сен мага жакпайсың, жинимди келтирбе.

- Мейли, өкүнүп калбасаң болду, - Жапар ишине киришип ары карап кетти.

- Эмнеге? - Кыз аны алая карады.

- Текеберлигиң үчүн.

- Болду, - деди да жини келе алдындагы ишин жасай баштады.

Ошол күнү Самара көңүлсүз жүрдү: "Эмне мен башкача текеберминби? өкүнбөсөм экен, бирок жакпаган балдарга ошондой мамиле жасашым керек, жөнү жок эле жабыша бергени жакпайт" деп ойлонуп жумуштан чыгып таежесинин үйүнө жөнөдү, алар заводго жакын кабат үйлөрдө турчу. Жер карап кетип жатып бирөөгө урунуп чоочуп кетти.

- Кечиресиз, - Кетенчиктей калып өзүн карап унчукпай калган жигитке карап, - Кечириңиз, - деди да басып кетмек болду.

- Эчтеке эмес, чоң кыз, - деп жигит анын артынан басты. Бул Амалбек эле. Эки жыл бою курулуштарда иштеп жүрүп, ушул жерден бир бөлмө үй алган. Ата-энесине аман-эсен экенин билгизип көрүнүп коет да көп барбайт, ачылып сүйлөбөйт, айыл чарба институтунда сырттан окуп калган, - Кайда жашайсың, карындаш?

- Сиз үчүн кызыкпы? - Самара аны көздөрүн ойноктото карады.

- Жок, анча деле эмес, мен дагы ушул жерде турам.

- Аа-а, мен таежемдикиндемин.

- Жакшы экен, жакын экенбиз, таанышууга кандайсыз?

- Болот, атым Самара, - деди демейде жигиттерди кагып-силкип уруша кетчү Самара.

- Амалбек.

- Атыңыз кызык экен. - Кыз бырс этип күлүп койду, анын ушул турушу өзүнчө эле керемет эле, балалыктан алыстай элек акактай таза сезим, мөлтүр суудай туптунук дил, арамдык менен адалдыктын жер үстүндө адамдар менен айкалыша бирге жүргөнүн сезе элек жаш кыз, - Эмне үчүн Амалбек койгон?

- Жазында кыш кетип, жердин тоңу кеткенде жерге дем кирет, ошондо адамдар жер-жемиш отургузуп, ошол кезди: "амал келген убак" деп коюшат, мен ошондо төрөлүптүрмүн.

- Аа-а, - деп койду Самара.

- Окуйсузбу?

- Иштейм.

- Жакшы Самара, жолуң болсун, кечиктиргеним үчүн кечир, - деп Амалбек шарт артына кайрылды.

Самара анын артынан карап көпкө турду: "Сулуу жигит экен, кичипейил дагы, маданияттуу болсо керек, а балким үйбүлөлүүдүр" деп ойлонуп эмелеги көргөн жигит бир нерсесин ала кеткендей үйгө келди.

- Эрте келчү элең, эмне кеч калдың? - деди Кайнар аны карап, - Кечикпей жүр, эжем экөөбүз сенин айыңдан урушуп калбайлы, жездең дагы жаман көрөт.

- Жумуштан кеч чыктым.

- Макул, чечинип келип тамагыңды ич.

- Азыр, - деп кирип кетти Самара.

Анын көз алдында эмелеги бир көргөн жигиттин элеси туруп алды: "Эмне болуп турам, аны эмнеге ойлоп калдым, эгерде сүзүшүп кетпесем көрмөк эмесмин, балким атайын келип өзү урунгандыр, эркектерди билип болбойт" деп ойлонуп кийинип алып кайра чыкты.

- Сен бүгүн башкача болуп турасың, Самара, - деди Кайнар күлө.

- Эмнеге, эже?

- Деги да, башкача ажарлуу, сулуу болуп эки бетиң албырып турат го, демейде кыздар сүйгөн адамына жолукканда ушундай болчу эле…

- Коюңузчу? - деп Самара уурусу кармалгандай эки бетин баса калды.

- Мейли-мейли эми, уялбай эле гой, кыскасы бактыңды тапсаң болду, асты жаңылбай турган бол.

- Эже-е, эмне деп эле жатасыз?

- Чындык, сен бой жеттиң, ашкан сулуу болдуң. Адатта сендей сулуу кыздарга жигиттер кадала карашат, кээси бир көрүп басып кеткиси келет, адам баласынын ичин биле албайсың, адеми бойдон сүйгөн адамыңдын босогосун аттасаң экен, - деп тамак куюп жатканда мектептен эки уулу, күйөөсү келип калды.

Чогуу тамактанышып, анан өз-өз ордуна жатмак болушту. Өзү бир бөлмө. Самара ашканасына жатат. Кайнардын күйөөсү инженер болуп иштейт, өзү бала бакчада балдарды тарбиялайт. Самара күндө жумушка эрте барып, кечки сегизге чейин абдан кыйналып кетти уйкудан калып. Кээде иштегиси да келбей кетет. Эртеси жумушка баратып эки жагын элеңдеп каранып кимдир бирөөнү күткөндөй кылчаңдап кетип жатты. Бирок оюндагы адам көзүнө чалдыга койбоду. Жумушта да алагды болуп эсинен бир көргөн адамы чыкпай кыжаалат болуп жатты. Чогуу иштеген Алина деген кыз анын кулагына бирдеме деп шыбырай колуна конверт карматты:

- Албайм, өзүнө бер.

- Эмнеге?

- Окуганча окубай койгон жакшы, бирөөнү үмүткөр кылганда эмне чыгат, андан көрө кабыл албаганымды айт.

- Кантип, мен анте албайм.

- Анда, - деди да Самара туруп барып таштанды челекке майдалап айрып туруп салып койду, - Ушул туура чыгаар ээ? - деп күлүп койду. Алина оозун ачып эчтеке дей албай өз ордуна кетти. Самара Жапарды жактырчу эмес, анын улам өзүн карап коюп иштеп жатканын көрүп мыйыгынан жылмайып алды: "Өзүн ким деп ойлойт бул, өзүнө теңин карап тийишпейби" деп жинденип да алды. Убакыт өтүп Самара күткөн адам иги-жиги билинбей жоголду. Бара-бара унуткандай да болду.

Амалбек арадан бир айдай өткөндө пайда болду.

- Салам, сулуу кыз? - деди капыстан.

- Оой сизби? - Самара кубана жүрөгү дүкүлдөп кетти.

- Ооба, кез-кезде жолугуп койсо болобу?

- Эмнеге болбосун?

- Уруксат болсо жолугуп туралы анда?

- Бир айдабы?

- Кааласаңыз күндө, - Амалбек күлүп калды.

- Кайда иштейсиз?

- Көчө шыпырам.

- Чынбы?

- Жакпаса чыгып алам, сизге жаман угулдубу?

- Жок-жок.

- Анда жакшы, шаардын тазалыгы сиз менен биздин жакшы көңүл ачуубузга көңүлдүү болот деп ойлойм.

- Ооба, ошондой го? - Самара: "Ушундай жакшынакай жигит көчө шыпырып иштегени кызык" деп ойлоно түштү.

- Иренжип калдыңызбы, чоң кыз? - дегенде селт эте түштү.

- Жок-жок, жайынча эле.

- Жигитиңиз барбы?

- Жок, али эрте…

- Мен жигит болсом болобу? - Күлө эңкейип жүзүнө үңүлдү, - Же шыпыргычты жигит кылгыңыз келбейби?

- Баары бир эмеспи, бирок мен али эч нерсени ойлоно элекмин, - Кызарып кетти.

- Чоңоюп калыпсыз, чоң бабаларыбыз сиздейинде эки-үчтөн балалуу болуп калышчу экен.

- Коюңузчу, кантип эле…

- Ошентип эле, тебетей менен бир урганда жыгылбаган кыздарды "балакатка жетти" деп күйөөгө берүүгө шашчу экен, он алтыга чыкканда "кара далы" деп күйөө албай койчу экен да, - Каткырып койду, - Сиз кара далы болуп калгансыз го.

- Кантип эле… - Ого бетер уялып жер карады кыз артына өрүп таштаган чачы өзүнө көрк берип, ар бир кыймылы Амалбекке жагып турду, - Калпты көп айтат окшойсуз?

- Бул калп эмес, ата-бабаларыбыздын кармап келген ыйык салты болгонун айтып калышат, эгер азыр ошол салтты кармашканда сиз бир баланын энеси болуп отурмаксыз, кара далы болуудан коркот элеңиз, - деди ойлуу.

- Чын элеби?

- Чын.

- Кызык, ал эски салт да?

- Биз эски адамдардын урпагыбыз, аны таналбайбыз.

- Туура.

- Самара.

- Ийи.

- Чын эле жигитиңиз жокпу?

- Ооба, жетише элекмин.

- Башыңыз бош экен да?

- Ошондой.

- Жакшы, иштериңиз жакшыбы?

- Ооба, жайында эле, анда мен барайын, таежем көрүп калса урушуп жүрбөсүн?

- Макул, көрүшкөнчө аман болуңуз.

- Сиз дагы.

Самара ылдамдай басып баратып артына кылчайып өзүн тиктеп турган Амалбекти көрүп жүрөгү зырп этип алды да, ал колун көтөргөндө жооп кыла колун булгап койду: "Жакшы жигит экен" деп толкундана кирип келди. Кайнар балкондон анын бир жигит менен турганын көрүп унчуккан жок. Кыңылдап ырдап кирген жээнин унчукпай тосуп алды. Анын ушул турушу өзүнчө эле бактылуу болчу: "Мейли, өзүнө жакса болду, сүйүү деген балээге кабылып калган экен, алгачкы махабатынан майтарылбаса болду" деп ойлоп койду. Самара эч нерседен капарсыз үй кийимин кийинип жанына келди.

- Эртең дем алыш, үйүңө барып келесиңби? - Сынай карады жээнин.

- Айлык тийгенде барсамбы дегем.

- Анда макул, үйдө болосуңбу?

- Ооба, кир жууймун го?

- Ошент, - деп ишине каралап кетти.

- Эже.

- Оов, эмне болду?

- Илгери тебетей менен урчу беле?

- Эмнени?

- Кыздарды.

- Ким айтып жүрөт?

- Деги да, кыздарды тебетей менен урганда жыгылбаса эле күйөөгө бере берчү беле мурда?

- Ооба, сага минтип ким айтты? - Кайнар күлө карады.

- Он алты жаштан кийин кара далы деп күйөө албай койчу беле? - деп сурады эжесинин суроосун жоопсуз калтырып.

- Буларды ким айтты деп жатам? - Кайнардын үнүнөн чоочуп кетти, - Айтпайсыңбы, же сени кара далы болуп калыпсың, мага күйөөгө чык дедиби ыя?

- Эже… жөн эле сурадым, анан муну кыздардан уккам. - деп тайсалдай калды, - Ошентип айтып күлүп жатышкан…

- Мейли, илгери болгон, бойго жеткен кыздарды эртелеп күйөөгө бериштин амалы болгон, атайын ошентишкен, - деди Кайнар күлө жанына отуруп.

- Аа-а, - деди да унчукпай калды.

- Кардың ачкандыр, тамак ичип эс алып ал.

- Макул.

- Самара.

- Ийи.

- Сен бирөөгө жолуктуң окшойт, этият бол садага, менин оюмча жаман кыздардан эмессиң, өзүңө сак бол.

- Жарайт эже, мен дагы түшүнөм.

- Ошент, ата-энеңди жер каратпагандай бол.

- Макул эже, - Экөө дагы көпкө чейин сүйлөшүп отурушту, андан кийин Самара ордуна жатып калды.

Ошондон кийин ал Амалбек менен эки күндө бир жолу же үч-төрт күндө бир жолугуп жүрүп аны сүйүп калды. Амалбек тамашалап коюп кыздын жүрөгүнө чок салды, билип турса да билмексен болуп кайдыгер болуп жүрө берди. Самара Амалбекти көрбөсө туралбай калды. Жумушка дагы көңүлү келбей ойлуу тартып кетти: "Мен аны сүйүп калдым окшойт. Алчы, ал мени сүйөбү же сүйбөйбү? Эгер ал мени сүйбөсөчү, анда канттим, менин сүйүүм жоопсуз калабы, мен бактысыз болуп каламбы?" деп ойлой берет, бирок жолугушканда анын сүйлөгөн сөздөрүнө кызыгып, жалдырай карап отура берчү болду. Амалбек анын жанында салмактуу сүйлөп жылмайып коюп отура берет. Ашыкча бир ооз сөз айтпайт, сүйүү жөнүндө сөз айтпайт, кызыктуу сөздөрдү сүйлөп отуруп кээде гана суроо берип коет.

Күндөгүдөй эле жолугушуп бир топко басып жүрө беришти, анан Амалбек сырдуу жылмайып:

- Самара, сүйүп көрдүң беле? - деди капыстан.

- Ыя, мм, жок-жок…

- Аа-а жакшы экен, сүйүп калып сүйүүдөн көңүл калган жаман, сен сүйүп калуудан кач.

- Эмне үчүн?

- Берилип, кан-жаның менен сүйө көрбө, али жашсың, сени сүйсүн керек болсо, сен аны сүйбө!

- Кызык экенсиз, өзүм сүйбөсөм эмне кереги бар?

- Ошо жакшы, сени сүйсө жашоо маңыздуу болот, бактылуу жашайсың, азап-кайгыдан алыс болосуң…

- Сиз катуу сүйдүңүз беле?

- Ооба, өлүп-тирилип сүйгөм, жоопсуз калды…

- Айткан жок белеңиз өзүнө?

- Айттым, кийин айттым, - Амалбек улутуна башын бир аз чеңгелдеп туруп анан, - Кеч болуп калган экен, күйөөгө тийип кетиптир!

- Оозума сөз кирбей калды. Эмне дешимди да билбейм, сүйүүнүн жоопсуз калышы кандай гана өкүнүч. - Самара ыйлап ийчүдөй дирилдей туруп калды.

- Сен али жашсың, баары эми башталат, сен чоң сүйүүнүн ээси, махабаттын ханышасы болосуң, сен ошого татыктуусуң, Самара, - деп Амалбек заматта өзгөрүлө сүйкүмдүү жылмайды, - Сенин жүзүңө муңаюу, кайгы капа, ыза жарашпайт, күлүп гана жүрүүгө тийишсиң, - деген Амалбек Самаранын артына бир өрүп таштаган чачтарынан кармалады, - "Олоңдой болгон чачыңа, оролоюн мөлмөлүм" дегендей, канча жигиттин көзүн күйгүзүп жүрдүң экен ээ?

- Көптүн эмес бирөөнүн эле көзү күйсө болду, ал мен өзүм сүйгөн адам болушун каалайт элем, ал үчүн баарын арнамакмын, керек болсо жанымды да. Экөөбүздө тең чоң сүйүү болушун тилек кылам, бизди эч кандай күч ажырата албай турган…

- Демек, чоң дайрадан бирге сүзүп өтүүгө даярмын де…

- Дал ошондой, ансыз мен бул дүйнөдө жашаганым бекер кеп.

- А сенин жүрөгүң курч экен, сага сүйүүсүн арнаган жигит абдан бактылуу болооруна ишенем.

- Ал мени сүйсө, мен дагы сүйсөм.

Экөө бир сөздү чече албай акырында үйлөрүндө бөлүнүштү. Самара капалуу келди: "Ал сүйүүдөн көңүлү калса башканы сүйө албайт экен да, мен дагы жоопсуз сүйүүгө кабылган экенмин, сүйгөн кызын унута албайт" деп жатып алып ыйлап жатты. Кайнар жок болчу, Самара ал келгиче ыйлап жатып уктап калган.

Балдары, күйөөсү болуп ашканада тамактанып алып өз-өзүнчө туруп кетишти, күүгүм болсо да турбай уктап жаткан Самаранын жанына келип түрткүлөдү:

- Самара, ушунча да уктайсыңбы, туруп кардыңды тойгузуп анан жат.

- Эже, ичким келбейт, тоюп алгам, - деп Самара болбой койду, - Сиздер иче бериңиздер.

- Биз жаттык, кардың ачса ичип алаарсың, - деди да Кайнар өз бөлмөсүнө кетти.

Самара ойгонуп алып кайрадан Амалбекти ойлоп жатты: "Кызык адам, өтө сырдуу, мага көңүл буруп, башкалардай сугалактана сулуулугумду айтып жагынгысы келбейт, же бир жолу колумду кармабады, эмне деген адам өзү, жоопсуз сүйүү ушундай абалга алып келип коебу" деп ойлогондо жүрөгү зырп этип ачышып кетти. Мелтиреп көпкө жатты. Амалбекти көз алдына келтирип анын жылмайганын, өзүнө жарашкан бой келбети көз алдына тартылганда жылмая бактылуу: "Мен аны сүйөм" деп алды өзүнчө.

Шайгүл иштеп жүрүп ичинин бүлк эткенинен чоочуп кетти, ал боюнда болуп калганын сезген эмес, делдейе ичин басып турса дагы бир жолу "бүлк" этип алды: "Кудайым ай, боюмда бар го, өзүм медик болуп мурун неге сезбедим? Көрүнүп көрөйүн, балким жөн эле эт тартып жатпасын" деп ойлонуп ичин сыйпаласа катуу, томпоюп табарсыктын башында бирдеме жүрөт. Кубанычтан жүрөгү жарыла дүк-дүк этип толкуп чыкты, эртерээк эле сүйгөн жарына айтып сүйүнчүлөмөк болду. Жумуш убактысы бүтөөрү менен шашыла үйүнө жөнөдү.

- Шайгүл, эрте келдиң го, балам? - деди Жайдар аны көрүп.

- Жумуш бүттү, апа.

- Иийи, - деп Жайдар өз ишин улантып калды.

Шайгүл кийимин которунуп чыгып кайненесине жардам бермек болду, Жайдар аны карап:

- Данияр келе турган болуп калды, тамагыңды жасай бер, балам, - деди.

- Макул апа, - деп үйгө кирип кетти.

Жайдар жанында отурган Кушчубекке карап.

- Жакшы келиним бар, эптеп төрөп алса болот эле, төрт жылдан ашты, дегеле боюна болоор эмес, - деди.

- Эми шашканда эмне, али жаш экөө тең, кудай берем десе, берет бир күнү, угуп калса капа болот, экинчи минтпей жүр.

- Койдум эми, элдин келиндери жыл айланбай эле төрөп алып жатпайбы, кабатыр болот экенсиң да, - деп ар жактан келе жаткан Даниярды көрүп унчукпай калды. Ал ата-энесинине көздөй басып келди, - Келдиңби балам, ишиң кандай?

- Баары жакшы, бир чабандын аялы жайлоодон төрөп коюптур, ошону алып келдик, дагы бир оорулуу келди, - деп алардын жанына отура калды, - Шайгүл келдиби?

- Келген, тамак жасап жатат го.

- Аа-а, анда мен үйгө кирейин, жуунушум керек, - деди да үйгө жөнөдү, ал киргенде Шайгүл тамак аралаштырып жаткан, колундагы сумкасын коюп койду да артынан кучактап калды, - Сагындым, жаным!

- Апамдар көрүп калат.

- Көрсө түшүнөт, менин аялымсың. Билдиңби, менчик аялымсың, - деп кучактап алып моюнунан өөп жатканда, он жашар эң кичүү карындашы чыга калып:

- Уят-уят, Данияр аке! - деп колун чаба, сөөмөйү менен бетин сылагылады, - Уят!

- Тамара, көргөнүңдү айтпа макулбу?

- Айтам, атамдарга айтам, - дегенде экөө күлүп калды.

- Айттым го, эми ал баарын айтат, уят го?

- Эчтеке болбойт, алар деле жаш болгон да.

- Ошондо деле… - деп бир нерсе айта тургансып Даниярды карады…

- Шакен, сен бирдеме дегиң келдиби?

- Данияр.

- Айт айта бер, бирок жакшылык болсун, - деп эки карысынан ала көздөрүнө тигилди, - Кана айта гой.

- Данияр, менин боюмда бар…

- Эмне, эмне дедиң?! Оо кудай ушунуң чынбы Шакен, эгер андай болсо сен кыймылдоого болбойт, төрт жылдан бери күтүп жүргөн балабызды аман-эсен төрөшүң керек! - деп Шайгүлдү так көтөрүп алып тегеретип жатканда Кушчубек менен Жайдар кирип келе жатып токтоп калышты. Байкап калган Данияр түшүрө коюп тамагын кыра жер карап калды, Шайгүл ички бөлмөгө качып кирди. Кушчубек менен Жайдар эчтеке билмексен, көрмөксөн болуп отуруп калды. Алар менен кирген Тамара:.

- Ата, акем жеңемди өөп алды, - деди эле Жайдар аны нукуп койду.

- Жөн отур, эми сен чоңоюп эле калбадыңбы, өтө тентек болуп баратасың да.

- Эмне, айтса болбойбу? - деп Тамара тултуюп калды.

- Кызым эстүү, бар сабагыңды оку, - деп Кушчубек аны эркелете карап койду эле ал төркү бөлмөгө кирди.

Шайгүл уялганынан чыга албай көпкө ичте туруп анан аргасыз тамагын карабаса болбосун билип, акырын чыгып дасторконун жайып тамагын алып келди. Данияр дагы сүйлөбөй эптеп тамактанды. Эптеп ичип анан туруп кетти. Эч кимиси сүйлөгөн жок, Кушчубек менен Жайдар уул-келинин уялткысы келбей аста отуруп тамак ичип бүткөндө:

- Кудай жалгап эркек төрөп ал балам, оомийин! - деп экөө тең бата берди.

- Ылайым ыңаалаган наристелүү болгула балам, кудай берээрин унутпасын садага, саргара күттүңөр эми жакшылыгын аябасын жараткан, - деп Жайдар сүйлөп тилек кылып отурду.

- Данияр, - деди Кушчубек бир нерсени эстегендей, - Сен Самарадан кабар алып келсең боло, акча-тыйындан кыйналып жатабы, кандай болуп жүрөт?

- Ата, кызыксыз да, ал окуп жүргөн жок, иштеп жатпайбы, акчадан кыйналмак турсун, бизге берип турса болот, - деп Данияр күлүп калды.

- Оо кокуй, ырас эле, мен аны "окуп жүрөт" деп ойлоп эле…

- Иштегенине жарым жылдан ашты, келип койбоду, бу кызыңар ойлобой калды го?

- Мейли, адегенде өзү кийинип алсын, артса берээр, жумуштан да колу бошобой жатса керек.

- Деги айтам да, кыз бала ата-энеге кайрымдуу болот, эркек балага караганда, - деп Данияр күлүп койду.

- Ата-эне үчүн баары бирдей, кыз-уулунун айрымасы жок, бөлбөйт балам, - деп Кушчубек айтканда Данияр күлүп калды.

- Койдум-койдум ата, кызыңарды сагынгансыңар го, күйөөгө тийип кетсе эмне кыласыңар?

- Ок, ал али жаш эмеспи?

- Эмне экен, ала качып кетсечи? - деп, анан атасы ачууланып келе жатканда сыртка чыгып кетти.

- Ал сени атайын ачуулантып жатат, балаңдын тамашасына ушунча ачууланасыңбы? - деп Жайдар күйөөсүн тынчтандырды.

Ошону менен унчукпай жатууга өз бөлмөлөрүнө киришти. Эртеси Шайгүл врачка көрүнүп үч айдан өткөнүн билди. Кубанычы койнуна батпай үйүнө келди, бирок кайненесине айта албады, Данияр келгенде айтып экөөнүн кубанычында чек жок болду, ата-энесине Данияр өзү айтканда, алар дагы сүйүнүп калышты. Убакыт ушинтип өтүп жатты. Самара ошол жумада бир топ кийим-кече, кант-чай кылып келип, жеңесинин боюнда бар экенин угуп акеси экөөнү куттуктады. Бир түнөп кайра кетти…

Кемелбай тагдырына тан берип, Оңолкан менен кайрадан жашап калды. Ал мурункудай болбой мээримдүү, Кемелбайдын көңүлүнө карап иш кылчу болгон. Андан жоопсуз иш жасоого батынбайт. Балдарынын маңдайында болгонуна ыраазы. Шайгүл кез-кезде күйөөсү экөө көтөрүнүп алып барып турат. Ал келгенде берээрге эч нерсесин аябай сыйлачу болду, тим эле өзү төрөп, алчаңдатып өстүргөндөй. Кээде Шайгүл анын мамилесине кыжыры келип кетчү, бирок үн дебейт. Шайгүл боюна болгонго толмоч тартып ого бетер татынакай болуп кеткен. Кемелбай өз ичинен кудайга ыраазы болуп кызынын бактысы бөксөрбөй жашашын тилеп алат.

***

Маржан уулунан кабатыр болуп жүргөндө, капысынан ал үйгө кечинде шып этип кирип келди, аны көргөн Уйчубай ормое:

- Барсыңбы балам, туулуп өскөн үйүн, асырап чоңойткон ата-энесин кабатыр кылып жүрүп алганыңа жол болсун, - деди.

- Келе электе тескебай тим койчу, - деди Маржан.

- Ата, мени кечирип койгула, - Амалбек жер карады.

- Алдыңа кетейин десе, келгениң жакшы болду, кире гой балам, ичкери кир, - деп Маржан шаша эшигин ачты. Кирип отургандан кийин тамак ашын коюп өнтөлөп жатты.

- Апа, мен үйлөнөм, - деди Амалбек чайдан ууртап.

- Ыя?

- Үйлөнсөм болобу?

- Болбой анан балам, болот уулум, ээ кудай ай, ушунуңа шүгүрчү, үйлөнбөй анан, качан алып келесиң?

- Силер камынсаңар эле.

- Ой биз даяр элебиз.

- Жазда мал арык болуп калды, күздө үйлөнбөйсүңбү? - деди сырттан кирген Уйчубай.

- Эк, малды табабыз да, үйлөнөм дегенде үйлөнсүн, - деп Маржан унчукпа дегендей Амалбекке байкатпай ымдап ийди, - Семиз малды сатып алабыз. Кыз кайдан балам?

- Чүйдөн.

- Ата-энеси бар бекен?

- Бар.

- Жакшы болуптур, качан болсо да алып келе бер.

- Чын элеби?

- Ботом, мен сени канча жолу алдадым эле?

- Анда эмки жума күнү алып келем.

- Мейлиң балам, колоктобой үйлөн, - деп Маржан сүйүнүп далбастап жатты.

- Апа.

- Ийи балам…

- Үйлөнгөндөн көп өтпөй эле шаарга кетишибиз керек.

- Эмне, окуйбу?

- Жок.

- Анда неге шашылыш кетмек элеңер?

- Ошондой.

- Каалагандай болсун балам, - деп ойлуу отуруп калды Маржан, ал дагы айнып кетеби деп чоочулап турду.

- Анда эртең кайра эле кетем.

- Бир-эки күн турсаң боло?

- Жок, жумушумдан калам.

- Аа-а, мейли анда, өзүң бил, - деп Маржан ал жатып калгандан кийин тамак асып бышырып, түнү менен бере тургандарын дайындап уктабай күтүп эртеси таңга жуук уулун узатты. "Эненин мээримине таш жарылат" дешет го, бечара эне далбастап жатканда Уйчубай уктап жатты. Ал ага карбаластаган да, кейиген да жок: "Акылсыз эркек аялдын алдында алсыз" деп койчу. Ошентип кийинки жумага "келин келет" дешип даярданып жатышты. Өзүнчө ойлонгон менен бирдеме десе айнып кетчүдөй болот. Болбосо айылдан: "Тигинин кызы жакшы, мунун кызы жакшы, көрүп сына, балам" демек, бирок айта албады.

Амалбек таңга маал чыгып шаарга түшкө жакын жетип келди. Жумушуна барып кечке маал Самарага жолугуу үчүн жолдон күтүп жатты. Самара үч-төрт күндөн бери жолукпай калганга кыжаалат болуп, жумушунда да, үйдө да көңүлү көтөрүлбөй сары санаада жүрдү. Амалбек аны байкап сыртынан акмалап атайы жолукпай сынап жүргөн. Жумуштан келе жатып эки жагын элеңдеп карап бирөөнү издегендей болуп, бир аз туруп анан кылчаңдап кетип жатканын байкап жүрө берди. Бүгүн дагы Самара элеңдеп жай басып, бирөөнү күткөндөй келе жатты, көз алдында Амалбек, узун чачын алдына салып кармалап ойлуу, бир кезде алды жагынан күлмүңдөй келе жаткан Амалбекти көрүп кубанып кетти:

- Оо-ой сизби, кайда жоголуп кеттиңиз?

- Жоголбой эле жүрөм. Эмне, мени күттүңбү? - Амалбек аны сынай карады.

- Жок-жок, бирок…

- Эмне бирок?

- Жөн эле, - Самара эч нерсе дей албай кайсарлана түштү.

- Бирдеме дегиң келди беле?

- Жо-ок, - Жер карап уяла чачынын жазылып кеткен учун өргүлөп туруп калды.

- Самара, сен кандай келин болосуң?

- Эмне дейсиз? - Таңгала карады.

- Кандай келин болосуң дейм?

- Билбейм, аа-а менби, мен… - Шашып жооп берди, - Мен жакшы келин болом, албетте жакшы! - Кайра ойлоно түштү, - Аа-а эмнеге сурадыңыз? - Суроолуу тигилди.

- Мага күйөөгө чыгасыңбы? - деп күлмүңдөй көздөрүнө карады, - Мага келинчек болосуңбу?

- Эмне дедиңиз?

- Эгерде мен сени ала качып кетсем…

- Эмнеге ала качып?

- Ушинтип эле.

- Сиз тамашакөйсүз, - Кыз таарынгандай бултуя түштү, - Мени шакабалап жатасыз го ээ?

- Эмнеси шакаба, мен сени жактырып калдым: "түбөлүк жар болосуңбу?" - дейм, эгер каршы болсоң айла канча, башкага кетүүгө туура келет.

- Жок-жок, мен макулмун! - деп жибергенин Самара сезбей да калды.

- Чын эле мага күйөөгө тиесиңби? - деп Амалбек анын маңдайына тура калып сураганда:

- Ооба-ооба! - деди шашкан Самара.

- Жүрү анда кеттик! - деп колунан кармап жетелеп жөнөгөндө, эмне болуп жатканын түшүнбөгөн Самара:

- Каякка? - деди алаңдай.

- Менин үйүмө!

- Коюңузчу, азыр элеби? - Чоочулай артка тартынды.

- Ооба азыр эле, - деп катар турган кабат үйлөрдүн бирине кирип экинчи кабатына көтөрүлдү, анан ачкыч менен төртүнчү номерди ачып ичине алып кирди. Кыздын жүрөгү лакылдап кызыктай акыбалга келди, үйдөн бирөөлөр чыга калып ага жоолук салып жатканы көз алдына келип турганда, - Мына, бул менин үйүм, сени күтүп жатат, - деди Амалбек дагы өрөпкүй, - Мен сени сүйөм, алтыным! - деп бооруна кысып чекесинен өөп койду.

- Эч кимиңиз жокпу? - деди Самара суроолуу.

- Башка ким керек?

- Ата-энеңиз…

- Аа-а, мен сени адегенде ата-энеме алып барамын, жоолук салып ырым-жырымын жасайбыз. А сен мени сүйөсүңбү, Самара?

- Ооба, аябай сүйөм, сүйөм-сүйөм-сүйө-өм!

- Мен дагы! - деп колтуктап диванга алып келип отургузду, - Үй жактыбы, Самара?

- Жакты…

- Анда кеттик.

- Кайда?

- Сени үйүңө узатып коеюн.

- Аа-а, - деп бир нерсе демек болуп баратып токтоп калды, алар ээрчише чыгып Самаралар жашаган корпуска келди да:

- Көрүшкөнчө, - деп дагы бир жолу чекесинен өөп коюп жөнөп кетти.

- Көрүшкөнчө, - деген Самара Амалбектин мүнөзүнө таңгала артынан карап көпкө туруп калды.

Ошол убакта жумуштан кайткан Кайнар келип:

- Эмне турасың? - дегенде чоочуп кетти.

- Жөн эле, сизди көрүп күтүп калдым - деп жооп бере алдыга басты.

- Сен башкача болуп баратасың, Самара.

- Эмнеге, таеже?

- Деги бир башкачасың, эмне болуп баратканыңа көзүм жетпейт, ушул айлыгыңды алгандан кийин отпускага чыгып үйгө барып жүрүп келчи.

- Эмнеге?

- Жөн эле, чарчап жүрөсүң го дейм?

- Чарчаганым деле жок.

- Анда эмнеге, - деп үйгө жетип эшикти ачып ичкери киришти.

Самаранын ою уйгу-туйгу: "Мени жөн эле тамашалады окшойт, болбосо качан алып кетээрин айтат эле го, жүргөнү жаш баладай, мүнөзү жумшак, ак көңүл дагы, кызык анда эмнеге сүйөм деди, демек ал мени сүйөт, ошондуктан мага үйүн көрсөттү" деп диванга отуруп алып ойлоно берди.

- Ушул сен бирөөнү сүйүп калгансың го? - деди Кайнар анын жанына келип, - Сен азыр жашсың.

- Таеже…

- Жо-ок, актанбай эле кой, сени ата-энең "окусун" деп жатат, бир жылдык жолдомо менен барсаң дароо кабыл алат, андан көрө керектүү китептерди таап алып окусаң болбойбу?

- Макул, эртең китепканага барып окуп көрөйүн.

- Ошент, жазылып коюп ала келип окугун, - деди Кайнар жээнин чачынан сылай, - Окуп-чокуп алсаң өзүңө жакшы, кийин күйөөңө көз каранды болбойсуң, балким окуган сайын билимдин артынан түшөөрсүң, анда эле жакшы эмеспи, илимпоз болосуң.

- Макул.

- Макул-макул дегенден башка сөз билбей эле дал болуп калдың, сени бир нерсе азгырган, башың айланып калган өңдүү, - деди Кайнар наалый.

Самара үндөгөн жок, тек эч нерсе болбогондой, укпагандай отура берди. "Ушу кыз соо эмес, неге минтип жалдырама болуп калды, бир балээ болбоду бекен, кудай сактай гөр, алданып калган болсо канттим, эгерде андай болбосо мынча эмнеге мелтирейт? Жо-ок, ачык сүйлөшсөм окшойт, антпесе кеч болуп калышы мүмкүн. Алданып калса сөзсүз аны таап сотко берем деп элге, ата-энесине билгизбей алдырышым керек" деп өзүнчө ойлонуп жатканда күйөөсү Туратбек келип калды.

- Самара кайда? - деди ал кирип эле.

- Үйдө, эмне болду? - Жүрөгү шуу дей түштү: "Демек бул бирдеме билген го" деп ойлоно калганда Туратбек, - Даярдан, Самараны бир жакшы жерге беребиз, алар азыр келишет, - дегенде Кайнардын жүрөгү ылдыйлай түштү.

- Ким экен ал?

- Ким болсун, Ленин районунун төрөгасынын орун басарынын баласы. Самараны заводдон көрүп ашык болуп калыптыр, ич арадан сүйлөшүп анан ала качып кетели дешти.

- Кыз макул болбосочу?

- Ой, ким эле секретардын баласын чансын, эжемдер ошондой адамдарга куда-кудагый болсо жаманбы, баласы университеттин акыркы курсунда экен, - деп Туратбек алаканын жаный отуруп алып Кайнарга акырын, - Анын арты менен менин дагы кызматтан жогорулашым мүмкүн, - деди.

- Койсоңчу Турат, бирөөнүн үстүнөн тон бычпа, ала качып алып жашай албай калышсачы? - деп Кайнар ойлуу күйөөсүн карады.

- Ашыкча сөздү кой, даярдан бүгүн. Самара экөөңөр дүкөнгө барып келе койгула, - деп сөздү угаар түрү көрүнбөдү.

Кайнар аргасыз дүкөндөн эт аш алып келип стол үстүн даярдап, тамагын жасап күтүп калышты. Самараны кийинтип, чачын түйдүрүп жасантып койду. Ал таңгала таежесине караганда ал көзүн ала качты:

- Таеже, эмнеге минтип жатасыз?

- Аа-а, үйгө конок келсе чай-пай куясың да, өзүңө тың болгонуң жакшы го? - деди алаксыта, - Үйдө бойго жеткен кыз жүрсө, ал жагымсыз кийинип турса эмне дешет?

- Эмне болмок эле? - Самара жактыра бербей карады.

- Болбойт, сен башка кыздардай эмессиң, сенин элдин көзүндө болушуң өзгөчө болуш керек, сулуу кызсың, бактыңды сынап көрүүгө мезгил келди, - деп Кайнар анын мурдунан чымчый эркелеткенде Самара ага таарына кетти.

- Мен эч кимге көрүнгүм келбейт.

- Эмнеге? - Ормое карап жооп күтүп калды.

- Менин жигитим бар!

- Оо-ой кудайым ай, бул эмне дегениң, кайдагы бир бекерчини таап алып өз келечегиңди ойлогон жоксуңбу? Жок-жо-ок, мен сага андайга жол бербейм, - деп Самаранын сырын билмекке маңдайына келип эми бирдеме демек болгондо сырттан Туратбектин үнү угулду.

- Келиңиздер, үйгө кириңиздер!

- Ай Самара, коноктор келди, жардамдаша салчы, - деп Кайнар шашып босогону көздөй жүгүрдү.

Аңгыча кычырай кийинген аял-эркек менен кошо шыңга бойлуу ак жуумал жигит үчөө кирип келе жатты.

- Келиңиздер, - деп Кайнар аларды конок тозуучу бөлмөгө алып кирди, өзү бир эле бөлмө, ошону стол коюп даярдаган болчу, - Отуруңуздар. Жакшы келдиңиздерби?

- Жакшы-жакшы, өзүңөр жатасыңарбы жакшы?

- Кудайга шүгүр, сиздердей адамдын үйүбүзгө келгенине төбөбүз көккө жетти, жай отуруңуздар, - деп Кайнар шашыла ашканасына кирип, тамак ашын даярдап далбастап киргизип жатып, - Самара, мына муну алып кирчи, - деди.

Самара тарелкалардагы тамактарды ирээти менен алып кирип акырын узатып кайра чыкты, бири-бирин караган коноктор өздөрүнчө шыбырашып жатканда Туратбек кирип:

- Кана эмес, тамакка караңыздар, - деди шыпылдай.

- Туратбек, буйруса бизге кыз жакты, силер макул десеңер биз ошого жараша даярдык көрөлү, - деди жардамчы аким.

- Эми биздин да акыбыз жок, ата-энеси бар, бирөөнүн үстүнөн тон бычуу болбогон нерсе, аларга кеңешип көрөлү, бирок кыз биздин колдо, - деп компойду Туратбек.

- Азамат, азыркы убакты эскини кармай албайбыз, аны өзүң билесиң, ала качып кетүүдөн өткөн пайдалуу нерсе жок, - деди акырын көзүн кыса.

Буларды угуп турган Самара коркуп кетти.

- Сүйлөштүк, - деп Туратбек да акырын айтты.

Алар көп отурбай эле Туратбек менен сүйлөшүп кете беришти.

Эртеси жума эле, Амалбек эртелеп Самараны тосуп алды, аны жумушка жөнөтпөй колунан жетелеп кечээги эле үйгө алып барды. Самаранын сөз сүйлөөгө чамасы да келбеди, астына той кийимин таштады дароо эле:

- Кана Самара, буларды кий, ата-энемдер күтүп жатат, айылга кеттик, - деп өзү аны чечинте баштаганда:

- Өзүм кийинейинчи, - деп ийди Самара.

- Макул, - Амалбек эми гана ойлоду, ал кыздын уялганын.

Ойлуу той кийимин кийип туруп калган Самара толкунданганы менен кубанаарын же коркоорун билбеди. Дел болуп туруп калганда:

- Самара, машина келип калды, бол эрте, - деди Амалбек босогодон үн сала.

- Азыр, - деген кыз үнү калтырай: "Эң оңой жолу ала качып кетүү, андан башка жол жок, кыз бизге жакты" деген сөз кулагына шак дей түшүп: "Тааныбаган бирөөгө барганча өзүм жактырган адамга кете бергеним жакшы, бактымды өзүм сынап көрүшүм керек" деди да кийинип, чачын оңдоп өрүп туруп, көйнөктүн өңүнө окшош аппак туфлини кийди, анан башына үлпүнчөктү тагып күзгүгө каранып өзүнө-өзү суктанып турганда эки жигит, эки кыз кирип келди:

- Кана, колукту даярбы?

- Даяр! - деди Амалбек.

- Анда кеттик, жолдо кармалып калышыбыз мүмкүн, - деп эки кыз жылмая Самаранын жанына келди:

- Менин атым Бурул.

- А менин атым Саадат, Амалбектин аяштары болобуз, эгер сенин курбуң болсо кошуп албайлыбы? - деди Саадат.

- Бар, бирок жумуштан чыгалбайт го?

- Кеттик, - деди сырттан жигиттер.

Экөө эки жагынан колтуктап алып сыртка алып чыкканда көргөн көзүнө ишенбей таңгала карап, эки келиндин коштоосунда жеңил жигулиге жетти, машинанын үстү ленталар менен кооздолуп, так ортосунда чоң куурчакты байлап коюптур. Машинага түшүрүп жанына капкара костюм шым кийип, галстук байланган Амалбек отурду, бир жагына Артык деген досу отурганда, ордунан жылды эле Самара үнсүз ыйлап жатты, аерден узаганча таежесинин балконун карап көз жашы жүзү ылдый кулады:

- Самара, эмнеге ыйлап жатасың? - деди Амалбек эңкейип анын жүзүн өзүнө буруп.

- Кыздар ыйлабай күйөөгө чыкпайт, кам санаба дос, кыздын ыйлаганы кубанганы, - деди рулдагысы.

Алардын артынан калбай шар байланган дагы бир машина келе жатты. Ошентип Төө-Ашуудан ашып, Алабелден өтүп, Чычканга келгенде ашкананын тушуна токтотуп, суу бойлой ээрчишип сүрөткө түшүштү. Бир азга суу бойлоп ойношту, Самара абдан санаада болуп турганы менен өзү каалап өзү жактырган Амалбекке колукту болоорун ойлогондо кубанып кетип, алар менен ойноп-күлүп жүрдү. Кечке маал айылга жетип келишти, узун көчө менен келе жатканда балдар чурулдап узатып калып жатышты, жайлап келип чоң дарбазалуу үйдүн тушуна жеткенде сигналды катуу басып көпкө ызылдатты эле дарбаза ачылып жарданган аял-эркек, бала-чака тосуп алышты, машинадан келинди түшүрүшүп:

- Келин келди, сууну, чачыланы алып чыккыла! - деди бир аял.

- Айланайын, алганың менен тең карып, бактылуу бол, - дешип чыныга куюлган сууну Амалбек менен Самаранын башынан тегеретип чачып:

- Балакеттин баары ушуну менен кетип, ак жолуңар ачылсын, ылайым ак жоолугуң башыңан кетпей бирге өмүр сүргүлө! - деди бир кемпир экөөнү бетинен өөп, ошол кезде алды жагынан боорсок менен конфет чачты эле аялдар менен балдар жерден терип калышты.

Самараны ичкери киргизип жоолук салып көшөгөгө отургузушту. Келин көргөнү киргендер, тууган уругу бакылдап-шакылдап жатышты. Уйчубай уулун чакырып келиндин атасын сурап ачуу басарга жөнөшмөк болду. Самара менен кеңешип Кайнардын үйүнө жөнөтмөк болушуп, бир тууган иниси, Тынарбек экөө жөнөдү. Бир союш менен үч миң сом, бир ящик арак, конфет-печенье коробкалап салып Кайнардын үйүнө келишти. Эшикти ачып:

- Саламатсыздарбы, Туратбектин үйү ушул бекен?

- Ооба-ооба, ушул.

- Кулдугубуз бар кудагый, Самара бизге келин болуп барды, кулдугубуз бар, - деп экөө ийилип баштаганда оозун ачкан Кайнар:

- Эмне деп жатасыңар? - деп кыйкыра сүйлөдү.

- Кулдугубуз бар, кудагый.

- Кайдагы кудагый, мен таежеси болом, ата-энесине баргыла, кабыл алабы, коебу өздөрү билет! - дегенде Тынарбек менен Уйчубай бири-бирин карап туруп калышканда Туратбек тепкичтен чыга келди.

- Сиздер кимге?

- Биз сиздерге келгенбиз, Самараны келин кылып алдык, кулдук уруп турабыз, - деди Уйчубай.

- Кайда, кимге ала качтыңар эле? - деген Туратбек экөөнү алмак-салмак карай делдейди.

- Токтогулдан келдик, Самара ушул даректи берген эле.

- Кандайча Токтогулга?! Зордоп ала качкансыңар го, мен силерди милицияга беремин, Самара он жетиге толо элек! - деп Туратбек ачуулана, оозунан жемин алдырган карышкырдай өкүрдү, - Токто, азыр милиция чакырамын!

- Куда, кыз өз көңүлү менен барды, эч кандай зордоо болгон жок, той кийимин кийип бактылуу болуп отурган кызды капалантып милицияга берсеңер жаңыласыңар, биз эки бала үчүн кулдук уруп турабыз, - дегенде Кайнар жинденген Туратбекти колунан ичкери тартып кирип эшикти жаап алды:

- Эмне өкүрөсүң, кыз көңүлү менен кетсе кеткендир? Макулдук береби же алып келеби, ата-энесине жөнөтүш керек, - деди шыбырай.

- Уят болбодукпу, эми эмне деп жооп айтам, иттики десе, азыркы кыздарга ишенич жок тура, - деп Туратбек ачуусу келе жерге түкүрүп алды.

- Андан көрө буларды эжемдерге алып баралы, өздөрү билишсин, - дегенде Туратбек унчукпай алдыга түштү.

Кудалардын унаасы менен Ысык-Атага жөнөштү. Алар келгенде Данияр менен Шайгүл жок эле, Кемелбай конокко чакырып ошол жакка кеткен. Адегенде Туратбек менен Кайнар түшүп үйгө кирип кетишти, Уйчубай менен Тынарбек босогосуна жетип:

- Кулдугубуз бар, куда! - деп Кушчубек чыга калганда жүгүнүп киришти.

- Кулдугуңар кудайга, келгиле-келгиле, - деген Кушчубек алар менен учурашып үндөбөй үйгө киргизди.

- Келгиле-келгиле, - деп Жайдар дагы жакшы тосуп алганда Туратбектин жини келип, бирок эчтеке дей албады, аны Кайнар тыйып турду.

- Келген экенсиздер, кайда, кимге барды менин кызым, эми жакшылап сүйлөшөлү, - деди Кушчубек жай, - Биздин кыз он жетиге толо элек эле…

- Биздин уулубуз Амалбек менен сүйлөшүп жүргөн экен, - деп Уйчубай түшүндүрүп алып келген акчасын үстөл үстүнө коюп, машинадагыларды түшүргөндө унчукпай калышты.

- "Кыз - ыргыткан таш" деген туура экен, бактылуу болсун, - деди Кушчубек менен Жайдар.

Кудаларын коноктоп, кийит кийгизип, анан узатышты. Эртеси Данияр менен Шайгүл келип бул жаңылыкка таңгалып калышты. Кууп барганга туугандарын топтоп жатканда Кайнар макул болсо Туратбек таарынып болбой койду. Алты киши кууп жөнөштү. Данияр менен Шайгүл, Кайнар менен иниси Кулмат кошо жөнөдү. "Кудалар келди" деп дүрбөп жатышкан. Шайгүл тааныш короонун жанына токтогондо Даниярга шыбырап:

- Данияр, мен таңгалып турам, бул менин коңшумдун үйү, эмне болуп кеткенине түшүнбөй турам.

- Көрө жатаарбыз, кыскасы Самара бактылуу болсо болду.

- Ырас го, жүрөгүм кызыктай болуп турат.

- Көп ойлонбо, азыр көрөбүз, - деп дүрбөгөн элдердин курчоосуна аралашышты.

- Кулдук кудалар, келиңиздер, - дешип колтуктай кудаларды үйдү көздөй алып баратканда Маржан Шайгүлдү көрө коюп:

- Кызым, бери келчи, - деп колтуктап алды.

- Кандайсыз, Маржан эже?

- Жакшы Шайгүл, деги сенин эмнең болот айланайын? - деп үрпөңдөй сурады Маржан.

- Күйөөмдүн карындашы болот.

- Катыгүн ай, эми күйөөң бирдеме десе өзүң тыйып түшүндүрө көр, - деп чоочулай карады.

Ошол убакта Данияр Амалбекти көрүп калды да Шайгүлгө келип:

- Бул Амалбектин койгон спектаклдеринин бири эмеспи? - деди.

- Данияр, токтоо бол, Самара оюн боло турган кыз беле, тынч бол. Мен Самаранын өзү менен сүйлөшөйүн, ага сен эчтеке билгизбе, ирээнжип калбасын, балким өзү сүйлөшүп келгендир…

- Өмүр бою аны менен кантип бирге бир дасторкондо отурам, кантип бир тууганымдай болом?

- Тагдыр экөөбүздү кайып каскагынан жолуктуруп, бири-бирибизсиз жашай албай турган болгондо үйлөндүк го? - деди Шайгүл, - Чыда, баарын билебиз, андан көрө сыр билгизбей үйгө кирелик, мен Самарага жолугайын.

- Макул жаным, сенин айтканыңдай болсун.

Экөө ээрчише үйгө киришкенде Даниярды чоң куда дешип төргө өткөрүштү. Шайгүл өзүн тааныган аялдар менен учурашып анан Самарага жолукмак болуп, келин отурган бөлмөгө аялдардын коштоосу менен кирип барды. Самара тура калып, жеңесин кучактап калды.

- Ыйлаба Самара, сен мага чыныңды айтчы, сүйлөшүп өз көңүлүң менен келдиңби?

- Ооба жеңе, өзүм сүйлөшүп келгемин, мен Амалбекти сүйөм, жеңе, - деп кулагына шыбырады.

Шайгүлдүн жүрөгү "зырп" этип алды.

- Өзүң макул болсоң болду, сен ыйлабасаң болду, Данияр сары санаа болуп жатат, мен аны тынчтандырайын, ал сени сүйөөрүнө ишенесиңби?

- Ишенем, мени ал кандай сүйөөрүн билсең, жеңе, - деп кубана Шайгүлдү кучактап өөп алды, - Акем бизге ак батасын берсин, жеңе.

- Болуптур, - деп Шайгүл коноктор турган бөлмөгө кирди да, Даниярдын жанына отуруп акырын шыбырап койду.

Кудаларын жан-алы калбай сыйлап жатты күйөө бала тарап. Булардын жашоосу жакшы, турмуш жайы ойдогудай экенине көзү жетип Данияр дагы үндөгөн жок, бирок тымызын аялын кызганып, Амалбекти көргөн сайын жаман акыбалда калаарын сезип турган менен эч нерсе дей албады.

Кушчубек кудаларынан көңүлү тынып калды. Алдыга койгон беш миң сомуна сеп даярдамак болду. Анан кызынын тоюн бермек болуп даярданып калышты. Кудаларын, коңшу-колоңун чакырып той бермек.

Кемелбай менен Оңолкан, Кайнар, иниси менен Жайдардын апасы болуп чоң залда отурушту, коңшу-колоңдору бир бөлмөдө бака-шака. Данияр менен Шайгүл бактылуу жылмая карашып кирип-чыгып жүрүшөт. Шайгүлдүн ичи билинип калган.

- Шакен, - деди Данияр акырын.

- Ийи, эмне болду?

- Этият болчу, канчадан бери күткөн баламды аман-эсен төрөп беришиң керек.

- Оо-ой жинди, кыймылдагандан эмне болмок эле? - Күйөөсүнө күлө карады Шайгүл.

- Көп кыймылдасаң кыйналып калба.

- Кайынсиңдимдин тоюнда жакшы кызмат кылбасам болбойт.

- Мейли жаным, иши кылса уулумду колума аман тапшыр.

- А кыз болуп калсачы?

- Жок, биринчиси эркек болуш керек.

- Кыз болушун тилейм, - деп экөө тарткылашып жатканда Жайнар чыга калып экөө өздөрүнчө ишине киришти.

Ошол жылы күзүндө Шайгүл уул төрөдү, жаш жубайлар кубанып наристенин жытына кумарланып бактылуу болуп жүрүшкөндө Кушчубек "Самараны төркүлөтөбүз" деп камына баштады. Жайдар менен Шайгүл үйлөрүн актап сырдап убара. Баардык камылга бүткөндөн кийин келээр күнүн белгилеп күтүп калышты.

Амалбек келип-келип Шайгүлдүн кайынсиңдисине үйлөнгөнүн билгенде таңданып көпкө чейин өзүнө келе албай турду. Анан тагдырдын тамашалуу киносунун үзүлгөн лентасы сымал өзүнүн тагдыры Шайгүл менен бир катарда дайра сымал агаарын эстегенде: "Менин аруу махабатым, сен менден качсаң да бизди тагдыр акыры бир дасторкондон даам татууга буйруптур. Мейли, мен атайлап жасаганым жок. Жок дегенде көз алдымда болуп, ар бир күнүңдү өз көзүм менен көрүп турайын" деп оор улутунуп алды.

Самара бактылуу, ал Амалбектин кээде табышмактуу сүйлөгөн сөздөрүнө көнүп калган. Маржан менен Уйчубай уул-келинин алып барып кудаларынын алдына түшкөндөн кийин балдарды өздөрүнчө бөлүп койду.

Шаардагы батирине келген эле күнү Амалбек диванга кулап: "Менин аруу да, балалык да таза махабатым!" деп ойлуу мелтиреди…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз