Айгүл ШАРШЕН


"Атадан кем уул, Атага тең уул"


Анда союздун гүлдөп жаткан учуру, жашоолору ойдогудай. Бахадур чайкоочулук менен алектенип, үй-бүлөсүн эч нерседен кемитпей бакты. Зухранын кийгени таза атлас, колдорунун салаалары алтын шакек, кулагындагысы да алтын, мойнунда жоон чынжырча, үстүңкү төрт тиши да алтын. Курбусу Гүласыл экөө өзгөн күрүчүнөн аш басып, көк чайды демдеп алышып, өткөн-кеткенден кеп кылып, тал түбүнө орнотулган чарпаяда ар убак жамбаштап жатышаар эле. Эки кыз, эки уулу бар, улуусу Бурхан, андан кийинки уулу Махмуд. Кыздары Нурила менен Гүланда уулдарынан улуу болгондуктан, күйөөгө чыгып, өз-өзүнчө түтүн булатып, бардар жашап жаткан чагы. Бахадурду кээ бирлери апийим менен шугулданат дешчү. Бирок далилдүү дарегин деле эч кимиси билчү эмес. Бир ай үйүндө болсо, эки-үч ай жоголуп, таңгак-таңгак товар алып келчү. Зухра эки уулу чоңоюп калгандан кийин өз кесиби боюнча эмгектенүүгө киришти. Ал Бахадурга турмушка чыга электе Өзбек театрында эмгектенип, бир топ роль жараткан эле. Күйөөсү өз иши менен алек болуп, жарытылуу көңүл бурбаганына жини келип, таарынып жүрдү. Ошого өчөшүп көптөн бери көз тиккен Эргешбай менен мамиле түзүүдөн мурун театрдагы өз ордун бекемдемек болуп, ишине эт-бети менен киришти. Күйөөсү үйдө көп болбогону аз келгенсип, кичүү уулу Махмуд онго чыккандан баштап, кан какшатып туруп, басып кетчү болду. Үйгө келбей да калат. Бурхан үйгө байыр алып, эки жагын карап сабактан кийин үйдө. Токсонунчу жылдар эле, капысынан Бахадурдун өлгөнү тууралуу кат алышты. Ал ошондо Пакистанга кеткен. Ошол жактан ооруп өлгөнүн угушуп, ыйлап-сыктап тим болушту, ага он беш жашар Махмуд болбоду:

- Мен атамды аякка таштабайм, алып келем! - дегенде Зухра:

- Кой, балам, канатың кайрылып калат, сен азыр жашсың, агаң жаңы мектепти бүттү, аякка барганга каражат керек, - деди эле болгон жок:

- Мен баары бир барам, - деп сыртка чыгып баратып, - талаада калтырбайм. "Атаң бөлөк жерде калган" деген сөздү уккум келбейт! - деди.

- Балам, жол алыс, тили-дини башка эл, жаштык кыласың.

- Апа, тим кой, ошол Пакистанга бармакка жол каражатын табалса, бара койсун, - деп Бурхан күңкүлдөдү. Махмуд он чакты көчө балдарынын үстүнөн көзөмөл кылчу, аларга батир жалдап берип, баскан-турганын өзү текшерип-тескеп турчу. Алар күндө жок дегенде эки жүз-үч жүз миңге чейин таап келип турушат. Кечинде батирине келип, чогулган балдарды тегерете карады. Эң улуусу он үчтө, кичүүсү тогуз-он жаштарда.

- Балдар, үч күндүн ичинде мага бир миллион сум табасыңар, эгер көз жаздым кылып, мени алдай турган болсоңор таарынбагыла, кылт эткениңер көз алдымда болот, - деди кыдырата карап.

- Үч күндө табылат, - деди Мирзат деген улуурагы.

- Азамат, өзүң көзөмөлдөп чогулт, - деп койду да, жатып алды. Айткандай эле, үч күн ичинде айткан акча даяр болду. Зухра уулун Арабияга узатып, аргасыз ыйлап-сыктап кала берди. Пакистанга келгенден кийин бөтөн жер, бөлөк элге келгенине бир эсе эргип-эрдемсисе, бир эсе чочулап турду. Эки жагын элеңдей карап алып, төбөсү көрүнүп турган мечитти көздөй басты. Күн кечтеп калган эле, колунда Бахадурдун сүрөтү. Мечитке кирип келгенде аны бир чоочун адам утурлай басып каршы алды да, бирдемелерди булдуруктап өз тилинде суроо берди. Ийинин куушура түшүнбөй туруп, анан сүрөттү көрсөтө Махмуд дагы өз тилинде: "Атамды издеп келдим, көргөн-тааныгандар болоор бекен, Кыргызстандан келдим", - деди. Экөөнүн жанына бир тобу чогула калышып: "Кыргызстан?.. Кыргызстан дейби?..", - дешип өздөрүнчө сүйлөшүп жатты. Бир убакта жашы кырктарга барып калган адам тигилер кармалап жаткан сүрөттү алды, анан Махмудга карап, өзбекче сүйлөдү. Махмуд сүйүнүп кетип:

- Сиз өзбекче билесизби? Мен атамды издеп келгем, бизге бул катты ушуяктан барган адам жеткирген, тааныбайсызбы? - деп шашкалактай карады. Эмелеки киши:

- Мен Кыргызстанда болгом, - деди да, Махмуддун колундагы катты алып, - Катты жазган адам биздин ыйык дамбылдабыз тура, мен сени ага жолуктурайын, - деп чоң имараттагы кеңсеге алып кирди.

- Бечарага жардам бериш керек, алыстан келген экен, жаштыгына карабай атасынын сөөгүн алып кетүүгө келгени эр жүрөктүгү, намыскөйлүгү, - деди ал адам менен кобурашып отуруп. - Атаң мында эмне жумуш менен келди эле? - деп Махмудга карады.

- Эмне жумуш кылганын билбейм, ар дайым эки-үч айлап кетип, товар алып барчу. - Бала такалбай шыр жооп берди.

- Эмне товар?

- Көбүнчө мата алып барчу.

- Анда, - деп телефонун бурап, кимдир бирөөнү чакыргандай болду. Аңгыча эки адам кирди, аларга сүрөттү көрсөтүп, бирдеме деп жатты. Өз тилдеринде көпкө бакылдашып туруп, анан Махмудду ээрчитип жөнөдү. Мейманканага келип:


- Бүгүн буерге эс ал, кеч болуп калды, эртең өзүм келем, - деди жанагы адам. - Мени Абдулла аке десең болот, жакшылап эс ал, а-аа баса, кардың ачтыр? - деди жылмая.

- Кардым ачса мейли, атамдын сөөгү кайда коюлганын тапсам болду.

- Андай болбойт, балам, ириде карын ток болуш керек, - деп Абдулла аны кайра ээрчитип ашканасына алпарды. Экөө ашканага киргенде Махмуд баарын таңгала карап алып, көрсөткөн орундукка отурду. Анан алдына келген тамакты иче баштады.

Эртеси эрте келген Абдулла аны дагы бир мекемеге алпарды. Ал салабаттуу, сүрдүү көрүнгөн адамга сүрөттү берип, экөө өздөрүнчө сүйлөшүп жатканда Махмуд тынчы кете аларды алмак-салмак карап турду. Андан кийин аерден чыгып, дагы бир жерге келишти, кыязы ал жер элчиликтин имараты болсо керек. Ошондон кийин гана он чакты адам болуп, унаа менен чоң көрүстөнгө келишти:

- Бу жерде сенин атаңдын сөөгү жатат, - деди Абдулла. - Эгер алып кетем десең, жардам беребиз деп жатышат.

- Алып кетем, - деди Махмуд шыр эле. - Сиз атамдын эмнеден өлгөнүн билбедиңизби?

- Жок, аны териштирем десең, узакка жүрүүңө туура келет.

- Макул анда, качан?

- Эми он чакты күн турасың, документтерин тууралап, элчиликтин уруксат кагазын алыш керек.

- Макулмун, сизге чоң рахмат! - Махмуд Абдуллага ыраазы боло колунан кармап туруп кысып койду. - Тил билген бирөө болбосо, бөлөк жерде жүрүү кыйын экенин билбептирмин.

- Оо тил билбесе кыйын, мен Кыргызстанга көп жолу бардым, тузун татып, нанын жегем, кыргыз-өзбек бир туугандай өскөн жакшы эл, - деп кобурай Абдулла Махмудду кайра мейманкага ээрчитип келди. Он күндөн кийин көрүстөндү ачып жаткан адам:

- Жакшылап кара, жаңылып калба, - деди Махмудга.

- Ооба, менин атам, - деп көзүнөн жаш куюла карап турду Махмуд. Келме келтирип, кайрадан жаңы кепиндеп туруп, табытка салып бекитти да, жолго чыкты. Махмуд менен кошо эки араб бирге келди. Айылга сөөктү алып келгенде, урук-тууганы ишенип-ишенбей жетип келишти. Ал тургай колу-коңшусу уу-дуу сөз кылып, Бахадурду ата-бабасынын көрүстөнүнө коюшту. Кыш болгондуктан, сөөк эч нерсе болбоптур, ошол эле бойдон экен, арадан үч ай өткөндө келген өлүк ошентип өз жеринен топурак буйруп жай алды. Пакистанга барып келген жигитти көргөн-укканы кызыга сөз кылып, ошондон кийин тааныштары аны "пакистан" деп чакырып калышты. "Кайсы Махмуд?" десе, "Ой, жанагы пакистан-Махмудчу" дешип кеп кылышчу болгон. Махмуд он сегизге толгондо андан бетер кадыр-баркка жетти. Апасы менен жашабай кээ-кээде гана келип-кетип жардам берип, кем-карчын толуктап турду. Көчө балдарынан турган топту Махмуд баягыдан көбөйтүп, экиге бөлдү, эки топто он экиден орточо жашы он беш жаштардагы балдар иштей баштады. Экинчи бөлүгүн "Карга" деген каймана аты бар он тогуздардагы бала жетектейт. Уурулук кылып, күнүнө такыр таппадык дегенде отуз миң сом, эки жүз миң сум табышат. Карга мал базарды, Пакистандын балдары Кара-Суу базарын тейлешет. Бир күнү бири-бирин акмалап акчалууларды издеп жүрүшкөн. Бир маалда Төлөш карыя кемпири экөө эки уй, беш-алты майда жандык айдап келип калышты. Аларды төртөө төрт жагынан акмалап, калганы базардын башка тарабында жүрүшөт. Көп узабай эле Төлөш карыя кардар таап, малдарын сатып бүтүп:

- Кемпир, сен барып бир аксуу алып келе кал, анан үйгө кетели, - деп абышка акча салган баштыгын астына төшөп, жол четиндеги чоң ташка көчүк басты. Ыңгайы келгенин дароо түшүнгөн Карга:

- Ме, бул акчаны чалдын маңдайына көрсөтө ташта, а сен чал козголору менен баштыкты ал да, буга сал, баштыкты сенин колуңдан киши көрбөгөндөй болсун, - деп бирин чалдын арт жагына жөнөтүп, бирине жүз сомду карматты. Ойлонуп отурган чал колдорун чөнтөккө сала кычырап келаткан жаш баланы карап турган. Бир кезде жигит колун чөнтөгүнөн алды эле, жүз сомдук кагаз жерге учуп түштү. Аны көргөн Төлөш карыя:

- Оой, уулум, акчаң түшүп калды! - деп кыйкырды, бала укмаксан боло ары басты. Төлөш көчүгүндөгү баштыкты унуткан бойдон жердеги акчага жетип, аны ала коюп, жигиттин артынан чуркады. Ал эчак элге аралашып кеткен, абышка ары чуркап, бери чуркап таппай калды. Эми гана пулун эстеген карыя артын көздөй жүгүрүп келип, таштын үстүндөгү баштыгын сыйпалап таппай калды. Ошондо гана Төлөш карыя санын шак чаап, ууруларга алданганын сезди. Арыта келаткан кемпирин көрө салып, ыйлай албай же күлө албай делдейип турганда:

- Эмне болду, өңүң бузулуп кетиптир? - деди кемпири жете келип. - Тынччылыкпы деги?

- Атаңдын оозуна наалат, кайда жүрөсүң, акчаны алдырып ийдим, - деди чалы ошондо гана кайраттана. Анан болгон жинин кемпиринен чыгара аны ашата сөгүп алып, болгон окуяны божурады.

- Ой, чал, базарга кирип чыккыча ошол болду да, кимге алдырдың?

- Эк, жүзү курусунчу, үйүң күйгөн акмактар! - Төлөш карыя калчылдап, тарамыштуу муштумун түйө ызырынып жатты. - Бас кеттик, жана эле кетип калсак эмне, жүзү курусун, жанагы Бахадурдун баласы эле кылды.

- Койсоңчу, албы же башкабы кайдан билесиң, Бахадурдун баласы кыйын жигит болгон тура, аны ууру деп эл жөн эле ушактап жүрүптүр. Жаман болсо, Арабдарга барып келет беле?

- Барса барат да, тың, эстүү көрүнүп ушул ишти кылып атышат да, анан дегеле арам тамактын жакканын кантесиң, - деп ачуусун басалбай чапанын колуна кармай алдыга жөнөдү. - Курган жаным, алдыраарда жаздыраар болдум да! Оңой оокатка көнүп, далайлардын көз жашын төгүп, каргышын угуп деле жатышат. А, оңбогурлар!

Ал үйүнө келип, күңгүрөнө наалып жатканда улуу баласы келип калды.

- Эмне болду, ата?

- Эчтеке, кайра дале табам акчаны, жанагы жүзү караларды өзүм табам шашпа!

- Түшүндүрүп айтыңызчы, ата, акча дейсизби? - Уулу Төлөш карыяны суроолуу карады. - Эмне болгон акча?

- Мал сатканбыз энең экөөбүз, пулун шылуундарга алдырып ийдик.

- Канча эле?

- Эки уй, жети жандыктын пулу.

- Анча малды эмнеге саттыңар эле?

- Эк, керек болду да, малды багыш үчүн чөп-чар керек, суугарып, откозуп, айтор убаракерчилиги толтура, акчаны катып койсок тура бермек, - деп карыя шуу үшкүрдү.

- Андай мал сата турган болсоңор бирибизди алып алсаңар болбойт беле, милицияга кайрылыш керек анда.

- Алар эми таптырбай калды го.

- Айтыш керек, арыз таштап коюңуз, издешет да.

- Ырас эле арыз жазып койойун, табылып калгысы бардыр… - Төлөш карыя пулу табылып, эми эле колуна тийчүдөй кудуңдап ордунан турду. Милициянын кабинетине келгенде аны сержант Орозбеков жылуу кабыл алды.

- Кандайча алдырып ийдиңиз?

- Кайдан билдим, балам, баары мына бул жүз сомдун азабынан, - деп Төлөш карыя төш чөнтөгүнөн жүз сомду алып чыгып, болгон окуяны айтып бергенде Орозбеков кытылдап күлдү:

- Сизди жүз сом менен алаксытышкан тура, ээ?

- Ошондой болду, мендей маң баш чалды алдады да-а.

- Ээ, балам, бу адамдар эмне болуп баратат, - деп карыя башын чайкай арызын жазып, эми чыгып баратканда алдынан бир олчойгон өзбек катын айгайлап кирди:

- Ой да-ат, ой-бай да-ат, ушнака боламы, кудайым ой, эл-лик миң сомды алдырып койдым, углум, - деп ыйлап отура кетти, аялдын көзүнүн жашы мөндүрдөй жаап, оозунан көк түтүн буркурайт.

- Кайдан алдырдыңыз?

- Мал бозардан, сумкамда болюр, канака олдырганымы билмей колды-ым, углум.

- Сабыр кылыңыз, уурулар табылат, арыз жазыңыз.

- Ийе, углум, арыз жазаман, пулум топылмаса, бойым мени өлтүради! - Оробеков аялды карап туруп, кагаз-калемсап берди. Ал жазып жатканда ордунан туруп, терезени карап: "Демек, Пакистан, эч жакка кете албайсың. Бир күндө мынча акча уурдап бул маалада тура албасыңды көрсөтүп койом", - деп ойлонуп турганда, аял арызын жазып бүтүп, бери түрттү.

- Болгонун болгондой толук жаздыңызбы?

- Жаздым, углум.

- Телефонуңуз болсо таштап кетиңиз.

- Телефонум ям йок, өзүм келеман.

- Анда бара бериңиз, биз издөө салып кабарын айтабыз.

- Ой, да-ат, топылмаса не болады? - деген аял ыйламсырай босогону аттап кетип баратты. Ал келгенде Карга ГОМду акмалай сыртынан карап туруп, мыйыгынан жылмая басып кетти. Кечке маал Махмуд батирге келээри менен телефону "чырр!" этип калды.

- Алло, угуп жатам. Сизге ким керек эле?

- Сен керексиң?

- Аа-а, сизби, Абалбек ака, кечириңиз бизди.

- Билмексен болбой мага келип кет!

- Жарайт, - деген Махмуд трубканы коюп, Карганы карады. - Арыз түшкөн го?

- Экөө арызданып кирди, мен көрдүм.

- Чорттуку, калгандары крупный эмес, демек Орозбековдун долясын бербесек болбойт.

- Сөзсүз, болбосо базарга кире албай калабыз, - дешип кеңешип жатышты.

Зухра өз иши менен алек болуп, театрда иштеп жүрдү. Эргешбай ага жакындан мамиле кылып, асты-үстүнө түшүп артынан калбайт. Аялы кайтыш болгонуна быйыл үч жыл болот, үч баласы үйлөнүп-жайланып калган. Бир кызы турмушка чыга элек, мектепте мугалим болуп иштейт. Абдан сулуу, кундуздай кара чачын ар дайым өрүп, артына таштап койот. Бир күнү Махмуд жолдо келатып Дилбараны көрүп калды, анын сымбаттуу мүчөсү менен узун чачына арбала дароо артынан жөнөдү. Акмалап келатканын байкаган Дилбара кылчая карады эле, Махмуд токтоп башка жакты карап калды. Кыз унчукпай жолун улады, жигит таанышууга даабай артынан келе берди. Кыз улам артын караган сайын жер карап калган жигитти жалт карап алып, жылмайып койду. Мектепке жетип кире берээрде дагы бир караган кызга жигит жагып калгандай болду. Махмуд бир аз туруп, анан жолуна түштү. Ошондон баштап, ал ошол мектепти айланчыктап калды, же даап сүйлөй албайт. Ошол күнү дагы мектептин жанында турган, Дилбара жалгыз чыгып келе жатып, Махмуддун турганын көргөндө ага кайрыла берип:

- Сиз ушул жакта иштейсизби? - деди.

- Аа-а, жок-жок.

- Ии-ий, - деп коюп кыз жөнөй бергенде Махмуд ага жете келди:

- Чоң кыз, таанышып алсак болобу?

- Эмне дедиңиз? - Дилбара токтой калды.

- Кечиресиз, сиз менен таанышып алсак…

- Ошол элеби? - Жарк эте күлгөн кыздын көздөрү күлүңдөй жигитке тигилди. - Ушул тарапта жашайсыз го?

- Жок-жок.

- Түшүнбөдүм, күндө ушул жактан көрөм…

- Сиз үчүн.., - Махмуд да кызга күлүмсүрөй карады. - Сиз абдан сүрдүү экенсиз, сизге сүйлөгөндөн айбыгып... Менин атым Махмуд.

- Дилбара.

- Ушул мектепте окуйсузбу?

- Иштейм.

- Оо-ой, мен сизди окуучу го деп ойлогом.

- Ошондой көрүнөмбү?

- Жапжаш кыздай көрүнөсүз.

- Чынында жашмын, сегизинчи классты бүтүп окууга тапшыргам, быйыл жаңы ишке кирдим. - Кыздын ичине сыр сактабай ачык, шар сүйлөшүп жатканы жигитти бир аз эрдемсите баштагыдай тартынбай калды.

- Жакшы экен. Дилбара, жигитиңиз барбы?

- Али жашмын, жигит күтүүгө жетишээрбиз.

- Мен деле бойдокмун.

- Иштейсизби?

- Ооба…

- Кайда?

- Базаркоммун, - деп калп айта салды Махмуд.

- Оо, кызматыңыз чоң тура, азыр базаркомдор крутой да! - Экөө тең күлүп калышты. Көпкө чейин катарлашып кете беришти, Махмуд ар нерсени айтып күлдүрүп куудулданган сайын кыз ага тымызын көз кырын сала жылмайып койот. Махмуд чынында сымбаттуу жигит, бою узун, көзү-кашы кара, мурду кырдач, чачынын арты узун. Кызга анын таза, тыкан жүргөнү жакты.

- Дилбара, жолугушуп туралы, ээ? - деди Махмуд аялдамага жете бергенде.

- Макул, эгер сизди кызгангандар болбосо.

- Андайым жок, мен сизди бир көрүп эле жүрөгүмө жакын сезип калдым, жакындан таанышып сүйлөшүп турсак ашыкча болбос.

- Тааныш болгонубуз го жакшы, бирок менин убактым азыраак, мектепке барам, үйгө шашам…

- Эмнеге үйгө шашасыз?

- Атам жумуштан келгенче тамак даярдашым керек.

- Апаңызчы?

- Апам эки жыл мурун бизди таштап, ары карап кеткен.

- Кечирип коюңуз, мен дагы атамдан үч жыл мурун айрылгам.

- Өлүм жаман тура, сиздин атаңыз ооруганбы?

- Ошондой го?

- Апаңыз үйдөбү?

- Иштейт.

- Жакшы экен, бир туугандарыңыз барбы? - Дилбара тартынбастан эле баарын билгиси келгендей жигитти суракка алды.

- Эки эжем үй-бүлөлүү, агам бойдок.

- Менин үч агам бар, алар өздөрүнчө турушат, мен атамдын жанындамын.

- Дилбара, чай ичпейлиби?

- Жо-ок, кечигип калам, атам кабатыр болот, - деген кыз келе жаткан автобусту утурлай басты. - Көрүшкөнчө.

- Жакшы барыңыз, - деп Махмуд кызга күлүңдөй караган бойдон колун көтөрүп автобусту узата карап көпкө турду, анан жолуна түштү. Көз алдынан кара көз кыз кетпей өзүнчө эле алып учуп батирине барса, балдар келип калган экен.

- Оо, бүгүн абдан башкачасың го, жолдуусуң го? - деди Карга аны көрүп.

- Мени коюп, иш кандай ошону айткыла, - деди Махмуд токтоо гана балдарын тегиз карап.

- Баары жакшы, бирок… - деди Карга саал тайсалдай.

- Эмне, жаман иш кылдыңарбы?

- Жо-ок, бир ай, эки ай биерден изибизди суутушубуз керек, ал адамдын документтери да кошо келиптир.

- Эмнеге, түшүндүрүп айтчы! - деди Махмуд ачуусу келе. - Эри ойношунун койнунан кармап алган катынча бүжүрөйсүң да.

- Поездден түшүп келген адамды тонодук, бир дипломат.., ачып көрө элекпиз, сени күтүп жатабыз.

- Зыян кылган жоксуңарбы?

- Менимче өлдү, башына келтек катуураак тийди окшойт.

- Ишти бүлдүргөнсүңөр го, ар бириң энчиңерди алгыла да, шаардан тез кеткиле, - деп алдына коюлган дипломатты ачканда баары ооздорун баса көздөрү чакчайып кетти. Дипломаттын ичинде ирээти менен тизилген долларлар таңгак-таңгак болуп жаткан эле. Сумкасында чет элдик адамдын документтери бар экен. Аны көргөн Махмуд балдардын бирине буйрук берди:

- Сен сыртка чыгып, буларды өрттөп күлгө айлангыча карап тур, бир илинчек калбасын, - деп, Карганы карады. - Сен үч баланы ээрчитип Ошко кет, мен калганын таратам да, үчөө менен Бишкекке кетем.

- Жарайт.

- Байланышты үзбө, эптеп жашап турсаңар, изи суугандан кийин кайра чогулабыз, - деп доллардын боосун санады да, төрт боону Каргага карматты. - Таарыныч жокпу?

- Жок.

- Анда, - деп Махмуд өзүн карап турган шериктерине кайрылды. - Буларды катып койойун, эки айдан кийин жолугабыз, түндөп жөнөгүлө, - деп ар бирине беш жүз доллардан берди. Балдар акчаны алып, бир-бирден чыгып кетти. Өздөрү калгандан кийин Махмуд жеңин түрүп тамак жасоого киришти. Түнү менен тойлошту. Эртең менен батирдин ээсине ачкычын берди да, жөнөп кетти. Өлтүрүлгөн адамдын так маалыматы жок болгон соң эч кандай деле чуу болбоду. Иги-жиги билинбей убакыт өтүп, бир жумадай болгондо Махмуд Ошко келип Каргага жолукту.

- Кандай жаңылык? - деди Карга аны көрүп эле.

- Эч кандай ың-жыңы билинбейт, Орозбеков деле тынчымды алган жок, демек документи бизде калганы жакшы болду, бирок этият кылыш керек, адам өлтүрүүдөн алыс болуш керек.

- Байкабай калдык, өзү дагы алышып калбадыбы…

- Болуптур, балдар байланышып жатабы?

- Алардан дайын жок, биз чыга элекпиз.

- Жөн отурсак ачка калабыз, иштегиле эми, адегенде бир үй алалы, батир болбойт, баса, бүгүн Москвадан жүз элүү миң доллар менен бирөө келатыптыр, мага чалышты.

- Саат канчада?

- Түнкү он бирде келет го, он тогузунчу купеге отуруптур.

- Анда шашылыш керек го?

- Сөзсүз, мен силерди күтөм, - деп кайра жолго чыкты. Ал Жалал-Абадга келип, батирине барбай эле Дилбарага жолугууга жөнөдү. Күтүп-күтүп чарчаганда кетип калып, эртеси эртелеп аялдамага келди. Көпкө күттү, бир кезде Дилбара автобустан түшкөндө кубанып тосуп алды:

- Кандай, Дилбара?

- Жакшы. - Дилбара сабыры суз жооп бере арышын ылдамдатты.

- Дилбара, сага эмне болду? - Махмуд ага жете келип, жандай басты. - Мага таарындыңбы?

- Жок, эл көрсө уят, мындан ары менин тынчымды албаңыз!

- Себебин айтчы, мага таарындыңбы? - деп жигит алдын торогондо кыздын жашка толгон көздөрү аны тайсалдатып ийди.

- Себеби мага бирөөлөр куда түшүп келип кетти, андан аркысын айтпасам да билесиз, мен эч ким менен жолукпашым керек! - деп кыз ылдамдай басып кетти. Махмуд ордунан жылбай дендароо болуп туруп калды, көптөн кийин кыздын артынан жүгүрдү.

- Дилбара, токтосоң, бир аз эле аярласаң! - Кыз үнсүз кете берди, Махмуд күйүгө жетип барып, алдынан тосуп, артын карабай басып баратып сүйлөй берди. - Бир аз эле токточу, Дилбара, укчу мени суранам!

- Жолумду тоспоңуз!

- Азыраак эле токтой турсаң, мени угуп койчу суранам!

- Тезирээк айтыңыз! - деди Дилбара токтоп аны карай.

- Дилбара, мен сени эч кимге бербейм, сени сүйөм, керек болсо атаңдын алдына эртең эле жуучу жөнөтөм!

- Эми кеч, атам өзүнүн таанышына сөз берип койду.

- Сөз берип койгону кандай? Сенин оюңду укпай элеби?

- Жок.

- Эмне үчүн, сен макул болдуңбу, өзүңө жакпаса деле унчукпай макул болдуңбу?

- Мага жакпаганын кайдан билесиз?

- Билем, көздөрүңдөн көрүп турам, сүйүүсүз кантип жашамак элең, атаңа ал жакпасын айтышың керек…

- Айталбайм, атам баары бир көнбөйт.

- Мен эртең киши жиберем, - деп Махмуд жолдон четке чыга бергенде кыз жай басып кетип баратты. Жигит селдейе аны артынан карап туруп, чечкиндүү айтты: - Мен сени эч кимге бербейм!

Апасына кеңешүүгө үйүнө жөнөдү. Келсе Зухра жок экен. Бурхан аны көрүп:

- Сени милиция издеп жүрөт, - деди.

- Эмнеге?

- Кайдан билем, ишиңдин опурталдуулугу го…

- Мүмкүн эмес, азыр менде эч кандай "иш" жок. - Дулдуя чарпаяга көчүк басып, - Апам жокпу? - деп сурады.

- Ал келе элек.

- Ушунча кеч келеби?

- Репитицияда го…

- Аке, сен качан үйлөнөйүн деп жатасың?

- Неге сурадың? - Бурхан кайра инисине суроо узатты.

- Убакыт жетти, мен да үйлөнүшүм керек да. - Махмуд ыңгайсыздана күлүп ийди.

- Апама кыз жакпай жатат…

- Эмне, апама жакпаса үйлөнбөш керекпи?

- Ошондо-ой, мен жактырган гана кызга үйлөнөсүң дейт. - Бурхан инисинин жанына отурду.

- Сен жактырган кыз барбы деги?

- Бар, апама жакпады, - деп ага-ини сүйлөшүп жатканда Зухра менен Эргешбай кафеде отурушкан. Эргешбай Зухраны колунан кармап алган:

- Зухра, сен деле жалгызсың, мен дагы жалгызмын, үйлөнүп алалы.

- Балдар да чоңойду, жаман ойлоп калбасын, сенде да балдар бар эмеспи, бири бирин туура кабыл алабы же… - деп Зухра кылыктана жылмайып, колун тартып алды. - Мен азырынча жооп бере албайм.

- Андай дебе, мен балдарга эбак эле түшүндүргөм, каршы болбойт, сенин макулдугуң керек, - деп болбой эле Эргешбай аялды колунан тартып, өөп койду.

- Өл-аа, уят ай. - Зухра шыңк эте күлүп койду.

- Эчтеке болбойт, биз балдардын милдетинен кутулганбыз, өзүбүздү да ойлошубуз керек. - Эргешбай шараптан куюп алдыларына койду. - Кел эми, мындан алып отуралы.

- Ушул жашыбызда үйлөнөт элек дегенибизди уккандар күлкү кылбайбы, - деди Зухра стаканды колуна алып. - Биздин мындан аркы өмүрүбүз балдарга көз каранды, мен дагы эки уулумду үйлөнтүшүм керек.

- Мен бир кызымды күйөөгө узатыш үчүн аял киши болушу керек экен, ал дагы бой жетти, - деген Эргешбай стаканын Зухранын стаканына тийгизип, алып ийди. - Кызымды жакшылап узатышым керек, Зухра.

- Биз ата-энебиз, ошон үчүн балдарыбызга кам көрүп, эл катары болсун дейт экенбиз. - Зухра дагы шарабын ак алды. Экөө кафенин ичиндеги бүлбүл жанган жарыктын астында көпкө отурушту. Оолжуй сыртка чыгып, жол четинде турган унаага отурушту. Чоң жол менен зымырай келип, чоң мейманкананын тушуна токтошту. Күн мурунтан даярдалган бөлмөгө ээрчише кирип келишти.

- Бүгүн үйгө барбайбыз, кызым бечара жалгыз күтүп жаткандыр, - деп Эргешбай Зухранын жоон-жолпусунан келген белинен имере кучактап өзүнө тартты. - Жаным, мен сени эриң барында эле жакшы көрчүмүн, ушул кезге чейин көзүмдү кызартып жетпей жүрдүм, эми менден алыс кете албайсың, - деп бети-башынан аймалап өпкүлөй баштады.

- Болду эми, жүдөтүп жибердиң, экөөбүз жаш эмеспиз да. - Зухра кылыктана аны ары түртмөк болду. - Театрдагылар кеп кылса, канттик?

- Керек болсо аларга өзүм айтам, үйлөнөбүз дейм. Элдин биз менен кандай иши бар, экөөбүздүн тең башыбыз бош, күнөө кылган жокпуз го. - Эргешбай болбой эле аялды кучактап өпкүлөп кирди. - Өөп койчу, жаным, сен үчүн күйүп өлбөйүн.

- Койчу эми, кел отуралы, - деп Зухра эркектин кучагынан бошонуп, диванга отурду. - Башымды катырдың, Эргеш, аз да болсо кадыр-баркыбыз бар, эл тааныйт, атымды булгап аламбы деп корком.

- Сени керек болсо, өзүм көтөрөм, мына жакында дагы бир жакшы оюн коюлганы турат, ошондо сага башкы ролду алып берем, - деп Эргешбай кийимин чечине диванга жатып, Зухраны өзүнө тарта кучактады. Экөө бир аздан кийин жып-жылаңач болуп төшөктө оонап жатышты…

Махмуд ал күнү апасын күтүп отуруп кеч жатты. Ичи бышып, көз алдынан Дилбаранын элеси кетпей уйкусу качат. Эрте ойгонуп: "Мен бул жолдон кетпесем болбойт, Дилбара билбеши керек, менин дилимди да, сезимимди да Дилбара гана агартты. Ага болгон сүйүүм ак болгондуктан, ишим ак, тапканым таза болуусу зарыл", - деп ойлонуп мектепти көздөй жөнөдү. Жолдо келатып, агасынын: "Сени менттер издеп жүрөт", - дегенин эстеп, ГОМго кайрылса Орозбеков кабинетинде отурган экен.

- Ассалоому Алейкум!

- Кайда жүрөсүң? - Алик алгандын ордуна ороңдоп бир тийди.

- Бишкекте жүрдүм, эмне иш?

- Качан кеттиң эле, далилиң барбы?

- Мен эч кимге айтып отурбайм, эмнеге издедиңер?

- Бир адамды өлтүрүп кетишиптир, жанында акчасы болуу керек, аны ошол акчасы үчүн өлтүргөн деген имиштер болуп атат, сенден күмөнүбүз бар, - деди Орозбеков жигитти тикирейе тиктеп. Махмуд солк этпеди, эч нерсе билбегендей ийнин куушура:

- Кай жерлик неме экен? - деди.

- Чет элдик, жанында документтери да жок болуп чыкты.

- Кайдан билем, мен ал иш менен алектенбей калгам, балдар өз-өз алдынча кеткен, чарчадым мен дагы.

- Ишениш кыйын, бирок эч жакка кетпегин, керек болгондо чакырып турабыз, эгер бир ЧП чыкса таарынба!

- Куп болот, таксыр, - деген Махмуд беш салаасын чыкыйына тийгизе жылмайып чыгып кетти. Башын чайкаган Орозбеков күлүмсүрөй: "Иттики десе, бул акмакта бир иш бар. Качан болсо суудан кургак чыгат, мээси шумдук иштейт экен, сыр бербейт, башка болгондо эбак колго түшмөк", - деп кыжаалат боло үстөлүн бир муштап алып отуруп калды. Махмуд сыртка чыкканда эки жагын карана терең дем алып, "Менден шек санаган менен изиме түшө албайсың, кыйын болсоң илинчек таап ал", - деп ызырына жолго түштү.

Зухра үйүнө эрте келди. Бир тууган эжесине кеңешмек болуп, кайра тез эле аркы көчөгө жөнөдү. Эжеси жакын жашачу, агасы Ошто турат. Зухра келгенде эжеси Набатхан эшигинде жүргөн.

- Эжеке, кандай жатасыңар? Жакын туруп жолугуша да албайбыз, - деп эжеси менен өбүшө учурашты.

- Жакшы, өзүң кандай жүрөсүң?

- Ойдогудай эле, эжеке, сени менен сүйлөшкөнү келдим.

- Жөн жай элеби?

- Кандай десем, өзүм да эмне кыларымды билбейм.

- Кандай иш? - Экөө ээрчише ичкери киришти.

- Сөздү эмнеден баштаарымды да билбей турам, эжеке, турмушка чыксамбы дегем.

- Эмне?..

- Ошондой, Эргеш акедей асылып, үйлөнүп алалы дегенинен каршы болсом, агаңа барам дейт.

- Анан мага кеңешейин дедиңби?

- Ооба, эже, анан кимге кеңешем?

- Балдарың уктубу?

- Жок.

- Алар эмне дээр экен? Жалгыз жүрө бербей эрге тийип алсаң, жакшы болмок. Жездең келсе айтайын, ал Бурхан менен Махмудга айтып көрсүн, - деп Набатхан ойлонуп калды.

- Адегенде экөөнү үйлөнтүп койсомбу дедим эле, - деди Зухра.

Эжеси менен көпкө сырдашып, кеч күүгүмдө үйүнө кайтты. Короого кирсе Махмуд чарпаяда отурган экен, апасын көрүп кубанып кетти.

- Апа, сени эки күндөн бери күтүп жатам, жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык? - Зухра уулун карап калды.

- Бир кызды жактырып калдым, сен колун сурап атасына барышың керек, таежем менен тагам болуп…

- Анчалык эмне ашыктың, уулум? Бурхан үйлөнө элек, анан сен кайдан үйлөнмөк элең, анын үстүнө ал кызыңдын кандай экенин ким билет?

- Апа, ал кызды көрсөң, өзүң деле жакшы көрүп каласың, балаң качан үйлөнөм дейт, тезирээк үйлөнбөйбү?

- Чыгымды кайдан табабыз, анын үстүнө Бурхандын сүйлөшкөн кызы жок экен, издеш керек, менин колум тийбейт, - деп Зухра үйдү көздөй басканда Махмуд аны жандай:

- Апа, бир жолу көрүп, атасына жолугуп келсең, менин көңүлүм үчүн, тентек балаң үчүн, апа? - деп апасынын ийнинен кучактады. - Апа, суранам, бир жолу эле барып көрүп келсең.

- Кайда жашайт экен?

- Аркы айылда, мугалим болуп иштейт.

- Иштесе эмне экен, акыл-эси, түшүнүгү кандай экенин сен кайдан билесиң, кыздардын баары эле чоюлуп көрүнө берет, - деп уулунун сөзүн уккусу келбей тамак жасамак болуп жатты. Махмуд ызасына чыдабай апасын өзүнө каратты:

- Бурхан эмнеге үйлөнбөй жүрөт десе, сага кыздар жакпай жүргөн тура, мен өз тагдырымды өзүм чечем, өзүм үйлөнөм! - деп буркулдап үйдөн чыгып кетти. Зухра артынан кыйкырып токтотууга аракет кылганы менен дуңкулдаган уулун токтотмок кайдан. Бурхан киргенде:

- Махмуд кайда кетти? - деп сурады андан.

- Билбейм, аябай катуу кетти го?

- Үйлөнөм дейт, агаң үйлөнсүн десем, жинденип кетти, - Зухра ачык айталбай күңкүлдөдү. - Сени үйлөнтсөм болот эле, деги эртең Шарипага барып, колун сурап келели да, бир жуманын ичинде үйлөнтөйүн.

- Апа, Шарипа мага жакпайт, - Бурхан терс бурулду. - Мен аны албайм!

- Эмнеге, өңдүү-түстүү, акыл-эстүү, ата-энеси колунда бар адамдар.

- Кереги жок!

- Өзүңөрдү-өзүңөр билсеңер, атаңарча тентип жоголгула анда, аттуу-баштуу жерден үйлөнтүп койойун десе, тилимди албай экөөң эки жакты карайсыңар! - Зухра баласын жемелей кетти. - Мен силерге жамандык кааламак белем, ыя?

- Атамды өз жайына кой, апа, өлгөн адамдын артынан жаман сөз айткан болбойт, - деди Бурхан акырын гана. - Өзүң түшүнүктүү, эл менен иштешкен аялсың, аткарган ролдоруңду көргөндө биз сыймыктанабыз. Анан эки балаңа келгенде түшүнүгү тайкы аялдардан бетер мамиле кыласың, өзүбүз каалабаган кызды кантип алмак элек? - деп эне-бала күңк-мыңк этишип, бир пикирге келише албай жатканда кызы Нурила келип калды:

- Эмнени чече албай жатасыңар, эне-бала? - Энеси менен өбүшүп учурашты. - Жайчылыкпы деги?

- Кандай жайчылык болсун, инилериң үйлөнөбүз деп мени кыйнап жатышат.

- Үйлөнсүн, Бурхан жыйырма бешке чыкты, үйлөнтүшүбүз керек, апа. - Нурила Бурханды карады. - Сүйлөшкөн кызың барбы?

- Бар.

- Бар деп кайдагы бир ата-энеси жок, ээнбаш өскөн немени таап алыптыр, Өзгөнбайдын кызына сүйлөшөлү десем, жакпайт имиш.

- Апа-а, азыркы жаштарга бөгөт болгон болбойт. Ата-энеси жок болгонуна ал кыз күнөөлүү эмес да, атам өлүп калып, биз деле жетим болуп отурабыз го?

- Атаңды эл-жерден алыс талаалап кет деп ким зордоптур, өзүнөн-өзү тентип жүрүп өлдү! - деп Зухра жинденгенде Нурила да чыдабай кетти:

- Атама акаарат келтирбе, апа, ал жаман иш кылган жок, бизди багам деп жер кезип, чайкоочулук кылып, ачка-ток болуп жүрүп өлдү. Эмнеге атамды кеп кыласың? Жаман жашаган жоксуң, апа, мына мындай үйдө кийбегенди кийип, көпчүлүктөн өйдө эле жашадык, кемчилиги болсо да сенин айта турган акың жок, - деди көзүнө жаш ала.

- Мен силерди капа кылайын деген жокмун, айтканымды укпай, өзүңөрдү өзүңөр билдиңер. Жок дегенде балдарым укса, өзүм каалаган бүлөдөн келин алсам деген жазыгымбы?..

- Эмне, биз жаман болдукпу, ырас өз каалаганыбызга чыктык, жашообуз ойдогудай, балдарыбыз чоңоюп атат. Гүланда деле бактылуу, андан көрө өзүңдү ойлонсоң боло, апа.

- Болуптур эми, арга канча, өзүңөр билгиле, - деди аргасы кеткен Зухра. - Бурхан, сен кызыңдын дарегин бер, биз көрүп келели.

- Макул, апа, - деп Бурхан кубанып кетти. - Өзүм такси менен жеткирип койом!

- Зорго эле турган экенсиңер, эми менин силерге айта турган сөзүм бар... - деп баратып, унчукпай калды. Күйөөгө чыгаарын ушу азыр балдарына түз эле айткысы келди, бирок оозу барбады, тилин тишине катып, зыңгырай отуруп калды.

- Эмнени айтайын дедиң эле, апа? - Нурила жанына отуруп сурады. - Зарыл бирдемеби?

- Жок-жок, тойго кетчү чыгымдардан бир аз кыйналабызбы дейм да…

- Кам санаба, апа, биз турбайбызбы, эл катары эле алабыз, Гүландалардын деле колунда жок эмес. Өзүңөр кудайга шүгүрсүңөр, бир келинди элдин оозу ачылгыдай кылып алууга кудурет жетет, - деди Нурила апасын кучактап. - Балдарыңдын бактысы сенин бактың эмеспи.

- Ооба, кагылайындар, Махмуд дагы таарынып кетти, ал эми келбейт, - деп Зухра тунжурай түшкөндө Нурила Бурханды карады, ал "билбейм" дегендей ийнин куушуруп койду.

- Ал эмнеге келбейт?

- Таарынып кетти…

- Бирдеме дедиң беле?

- Эмне дейин, агаң үйлөнсүн, койо тур дегенден башка эчтеке дегеним жок, - Зухра күнөөлүүдөй акырын унчукту. Чындап эле Махмуддан сарсанаа болуп турган, Нурила деле энесин аяды, унчукпай калды. Бир кезде эшик ачылып Махмуд киргенде Зухра кубанып кетти.

- Келдиңби, уулум, сарсанаа болуп жаттык эле…

- Кандай келсем ошондой бат эле кетем, үйдө бир буюмум калып калыптыр, - деп дуңкулдап ички бөлмөгө кирип баратканда Нурила:

- Махмуд, биз эртең Бурхандын кызына жуучулукка барабыз, агаңдын тоюна катышкың келбейби? - деп ордунан туруп, үкөсүнө жакындады. - Келээрки жумада тойду баштайбыз.

- Ыраспы? - Махмуд бир апасын, бир Бурханды карай берди. - Андай болсо кубанычтамын, агамды куттуктабай кантип кетмек элем?

- Чын, - деп жылмайды Бурхан.

- Апа, акем качан эле үйлөнүш керек болчу, - деп Махмуд андан ары дагы бирдеме демек болуп, анан унчукпай калды. Андан кийин чогуу отуруп көпкө кеңешишти. Эртеси жуучулукка бармак болуп, жай-жайларына тарап кетишти. Зухра ар кайсыны ойлоп жатып кеч уктаган, эрте ойгонгон Нурила чай даярдап, анан калгандарды ойготту. Күн шашке болгон кезде гана Зухра менен Нурила таксиге отуруп, Бурхан көрсөткөн үйгө келишти. Үйүнүн сыртынан эле жупунулугу көрүнгөн короого кире бергенде аларды жетимиштердеги кемпир каршы алды. Ал мындай "конокторго" көнүп калган, ошондуктан дароо эле жуучулар экенин билди кыраакы киши.

- Келгиле-келгиле…

- Күүлүү-күчтүү, аман турасызбы? - Зухра аны менен учурашып атып, үйдү бир карап койду.

- Жакшы-жакшы, келгиле, сиңдилер, үйгө киргиле.

- Келип калдык, кызы бар үйгө ат тезегин кургатпай келген адамдар көп болоору белгилүү эмеспи, апажан, биз…

- Ооба-ооба, - деди Нурила босогону аттай берип.

- Болбой анан, буйрук насип болгону да…

- Кызы бар үйдүн коногу көп, - Зухра жылмая төргө өтүп, отуруп калды. Сыртынан жупуну көрүнгөнү менен үй ичи абдан жасалгалуу эле: эмеректер ирети менен коюлган, баары таза, килемдери колго согулган, төшөлгөн килемдер андан бетер көз жоосун алат. "Жакшы эле турушат экен, бирок кызы кандай неме болду экен?", - деп ойлонуп калды Зухра.

- Нанга карагыла, айланайындар, "жүгүргөн калат, буйруган алат" дешет эмеспи. Самира менин кызымдын кызы, жээн неберем…

- Биздин балабыз менен сүйлөшүп жүрүптүр, бири-бирин жакшы көрүшөт экен, ошондуктан сиз уруксат берсеңиз, тойду баштасакпы дедик эле. - Зухра ушинткенде кемпир аларды бир чолуй карап ойго батты. Бул Сайкал деген аял, анын күйөөсү Бахадур менен соода-сатыкта чогуу жүрүшчү. Сайкалдын күйөөсүнүн апийим менен соода жасаганы билинип калып Бахадурдан бир жыл мурун камалган. Бахадур болсо өзүн калкалап калып, эптеп иштеп жүрүп ошол бойдон өлгөн. Сайкал Бахадурду билчү, анткени апийимди гүлдөрдүн арасына өстүрүп, өздөрү багаар эле. Ошондо Бахадур түндөп келип кетчү, далай жолу аш басып, күйөөсү экөө аны сыйлап жүргөн. Белгисиз бирөөлөр күйөөсүн түрмөдөн өлтүргөндөн кийин Бахадурдун да өлгөнүн уккан. Азыр Сайкал булардын Бахадурдун үй-бүлөсү экенин билген жок. Небереси Самира эчак ымандай сырын айтып, келген жуучуларга такыр макул болбой жүргөнүнөн, ойлоно калды:

- Эгер балдар бири-бирин билсе, каршылык жок. Адегенде кызым келсин, сүйлөшүп өз оозунан чын-бышыгын угайын, - деди Сайкал. Зухра:

- Күздүн күнү эмеспи, эже, ылайыгы келсе тезирээк болсо деген элем, Бурхандан кийинки уулумду да үйлөнтмөкмүн, - дегенде Нурила дагы сөзгө аралашты.

- Сизди түшүнөбүз, жалгыз небереңиз экен, ойдогудай кылып алабыз, эне, келин болуп барса сыйлап, өз эрки менен күйөөсү экөөнү өздөрүнчө бөлүп койобуз.

- Кызым, мен андай дебейм, келин барган жерине кызмат кылат, эмгеги өтөт, антпесе келинди эмнеге алабыз? Сөз башкада, мен төрөгөндөн бир кыз төрөгөм, кызым Фрунзеде догдурдун окуусуна окуп жүрүп өз каалаганына чыгып кеткен, күйөөсү окуусун таштатып айылына алып кетип калыптыр. - Эне оор улутунуп алды. - Ушул кызды төрөөрдө үйгө чакырып алгам, кызы торолгондо мага берип кайра кеткен. Экинчи баласын төрөп атып каза болду, уулу ошол жакта калды, мен кызымдын келечегинен гана кабатыр болуп турам…

- Туура, кабатыр болбой анан, уулум Бурхан жакшы жигит, иштеген иши бар, жоош-момун, көп алыс эмеспиз.

- Бурхан… - деп Нурила дагы сөз баштап келатканда босогодон узун бойлуу, кара көз кыз кирип келатып тык токтоду. Үйдөгүлөр аны карап үн катпай туруп калышты, көптө барып Сайкал:

- Менин Самира кызым ушул, апа-эжелериң менен учураш, кызым, - деди өзү өйдө боло.

- Амансыздарбы? - Кыз башын ийкеп оң колун көкүрөгүнө койо саал ийилип койду да, Зухраны бир карап алып, төркү бөлмөгө кирип кетти:

- Жакшы, айланайын, - деген Зухра аны ойлуу карап калды. Бир аздан кийин кыз узун атлас көйнөк-дамбалын кийип, сыртка чыгып, чай алып кирди. Чачын артына түйүп алган кыздын турпаты Зухрага жакты. "Уулум менин оюмдагы кызды тапкан экен, эми тойду тездетиш керек", - деген ойдо отурганда Сайкал аларга карап, колун жаңсай дасторконго ишаарат кылды:

- Кана, кыздарым, нанга карайлы.

- Рахмат, эже, Самира бизге жакты, - деген Зухра эңкейип нандан алып, оозуна сала чайдан ууртай кымырынып койду. Самира Зухраны таанычу, себеби оюн-зоокту жактырып, театрлардан оюн көргөнү көп бараар эле. "Бурхандын апасы менен эжеси ушулар тура, жакшы адамдар экен, Бахадурдун баласымын дегени бар. Апам менен кеңешип даяр экенимди айтышым керек, эми тойду токтотууга болбойт, өз сүйгөнүмдүн шагын сындырбашым керек", - деп оюнда өзүнчө толкунданып алды. Зухра сөздү бышырып, анан үйүнө кайтты. Көп өтпөй эле чогуу базар кыдырып, тойго керектүүлөрдү алышты. Бата берилип, той болоор күн белгиленип, эки жак тең камынып калышты. Бири-бирин сүйгөн эки жаш бат эле үйлөнүп, бир үйдөн түтүн булата башташты. Сайкал ичинен тынып калды, Бахадурду тааныганын айтпады, сөздү көбөйткөндөн эмне пайда деп ойлоду. Махмуд агасынан эч нерсе аябады, бүт чыгымын өзү чыгарды, өзүнүн үйлөнүү тоюна деп калганын катып койгон. Каргага жолугуп, кээ-кээде өз энчисин алып турат, анткени бул балдарды үйрөтүп, ушул жолго салган өзү. Мугалимин сыйлагандай эле Махмуддун сөзү алар үчүн мыйзам. Ошол күнү да Каргага белгиленген жерден жашыруун жолукту:

- Иштер кандай?

- Баары жакшы.

- Мен Орозбековдо болдум, кыскасы, мындан ары баарын кынтыксыз жасагыла.

- Жарайт, эми балдарды чогулта берсем болот экен да?

- Болот, мен силер менен бир айда же он беш күндө гана бир жолугуп турам, - деди Махмуд Карганы карай.

- Эмнеге?

- Үйлөнөм, - деп күлүп койду Махмуд.

- Оо, жеңелүү болот экенбиз да, той качан болот?

- Бир-эки жуманын ичинде…

- Куттуктайм!

- Рахмат, мен кеттим, - деген Махмуд жолуна түштү. Ал Дилбарага шашып бараткан. Эргешбай: "Өзүм үйлөнүп, анан кызымды күйөөгө берем, эркек киши жалгыз аркы-беркисин ойдогудай кыла албайт экен" деп, куда тарапты токтотуп койгон. Ошондон бери Дилбара үйдө жалгыз калганда экөө түн катып жолугуп турушат. Алар сүйүүнүн керемет кездерин башынан өткөрүп, бири-бирине кыналыша сүйлөшүп отурганда Зухра менен Эргешбай дагы махабаттуу түндүн жыргалына батып, мейманканада жаткан учурлар көп эле болду.

- Зухра, - деди Эргешбай ошондой күндөрдүн биринде.

- Ийи.

- Тезирээк эле үйлөнөлү, экөөбүз биригип алып, анан уул-кызыбызды үйлөнткөнүбүз жакшы го. Уулуңун да кызына жуучу жөнөтүп, тойлор абдан шаңдуу өтүшүнө экөөлөп киришсек жакшы болоор эле.

- Жок, мен Махмудду үйлөнтөйүн, андан кийин деле ойлонолу, - деп Зухра мойноп койду.

- Зухра, деги мага турмушка чыгууга макулсуңбу?

- Шашпай турсаң, жаным, биз эми жаш эмеспиз, балдарды өз-өз жайына койолу, анан калганын бүтүрөбүз, ансыз деле мен сендикмин го? - деген Зухра кылыктана күлүп калды. - Мен кайда качмак элем. Махмуддун кызын башкалар кудалап койгон имиш, кыздын ага көңүлү жок экен.

- Боло берет, кыз жактырса эч кайда кетпейт, бири-бирин жактырса болду, менин кызымды да алып кетели деп шаштырып жатышат.

- Кызыңын өз көңүлү бар бекен?

- Алар бири-бирин бала кезден билишет, өзүнүн каалаганы десем жаңылышпайм, буйруса, бактылуу болот. Күйөө бала бизнес менен алектенип, ушул кезде канга салам бербей турган чагы, - деп Эргешбай мактанып кирди. - Кызымдын бактысынан шегим жок.

- Болсун, мен дагы балдарымды бактылуу болсо дейм, аларды жай-жайына орундай албай жатып, эрге тием десем эмне дешет? Кыздарым андан бетер шок болбойбу.

- Болбойт, жаным, эч кандай каршы болушпайт, менин кызым деле үйлөнөөрүмдү билбейт. Сен макул болсоң айта койом, ал түшүнөт, кызым абдан түшүнүктүү. Келчи, жаным, жарпымды жазып, жүрөгүмдүн ээси бол, жалгыздык кейитип жиберет экен. Мен сени менен жүргөндө кызым жалгыз калып жатат, кээде ага боорум ооруп кетчү болду, - деп аялды жанталаша өпкүлөп кирди. Зухра каршылык көрсөтпөстөн өзү да эркектин эркине баш ийип берген, өзүн ага эбак эле арнап салган. Алдыда болчу нерселер, ойго келбеген окуялар азыр экөөнө тең эле белгисиз. Ошентсе да аларды алдыда бир жагымсыз окуя күтүп турган. Күн өткөн сайын Махмуд менен Дилбара оттон-суудан кайра тарткыс мезгилге жетип, махабат жүрөктөрүн толкундата бири-биринен ажырагыс болуп баратты. Сүйүүнүн ырахатына сымаптай көлкүлдөп эрип, дүнүйө көздөрүнө ажайып сулуу көрүнүп турган мүнөттөрдүн биринде байкоостон чектен чыгып кетишкенин да билбей калышты. Болоор иш болуп, бойоосу канганда эсин жыйган Дилбара төшөктөн тура калып:

- Махмуд, биз аша чаап кеттик, жакшы иш болгон жок, эми эмне болот? - деп ыйлап жиберди.

- Коркпо, жаным, өзүмдүкүсүң да, эч ким билбейт, бирок мени кечир, жаным, мен дагы сезбей калдым. - Махмуд кызды кучактап отуруп ойлуу сүйлөдү. - Биз бири-бирибизди сүйөбүз, ошондуктан баарын орду-ордуна койобуз, экөөбүз билсек болду, туурабы?

- Туура дечи, жаман эле болду, эгер атам үйдө болгондо мындай болмок эмес. Кийинки кездери келбей калчу болду, той жөнүндө деле кабатыр болоор ою жок, апам болгондо кана… - деди Дилбара каңырыгы түтөй, көзүнөн жаш мончоктоп куюлду.

- Койчу эми, ыйлабачы, жаным, менин апам бар, атам жок, эч ким ата-энесин кармап жүрө албайт. Мезгили келсе биз деле өтөбүз, жашоо ошондой, өмүр бир гана берилет, ошондуктан татыктуу жашашыбыз керек.

- Татыктуу жашоо керек, Махмуд, бирок биз күнөөгө баттык, никелешпей туруп бир төшөккө баш коюп алганыбыз бул күнөө, - деп Дилбара Махмуддун төшүнө башын жөлөп, солкулдап жатты.

- Жаным, жаштыктан кетирген күнөөнү жараткан өзү деле кечирет имиш, биздин айыбыбыз бири-бирибизди сүйгөнүбүз. Сүйүү таза, махабат ыйык, тилектерибиз бир, таза сүйүүдөн таш эрип, аска-тоо урайт имиш. - Махмуд сүйгөнүн саамайынан өптү.

- Махмуд, таң атып баратат, атам билип калбасын, менден кабар алганы келиши мүмкүн, - деди Дилбара көптөн кийин жигитин карай.

- Макул, жаным, сен капаланба, эми экөөбүздүн өмүр жолубуз бирге болот. Колумдан келсе ар мүнөт дидарыңды суктана карап, сулуулугуңду көзүм тойгончо көзүмө сүртүп, жаныңда турсам дейм. Айла жок чуу көтөргөндө эмне, эгер атаң көрүп калса, чоң жаңжал чыгып жүрбөсүн, - деп Махмуд кызды бети-башынан, мойнунан өөп-өөп алды да: - Эртең мектептен кийин көрүшкөнчө, жаным, - деп жөнөп кетти. Дилбара ал чыгаары менен төшөгүнө жатып эчкирип ыйлап кирди: "Эмнеге, эмнеге акылсыздык кылдым, өзүмдү башкара албай калганым эмнеси? Эгерде атам мурдагысындай үйдө болгондо мындай болмок эмес, неге үйгө келбей калды, мени да ойлобой кайда жүрөт? Кудайым ай, апам өлбөгөндө ушуну көрмөк белем?" - деп көпкө ыйлады. Анан туруп жуунуп, тамагын ичти, үйүн жыйнаштырмак болуп төркү бөлмөгө кирди. Төрдөгү килемдин үстүндө апасынын сүрөтү илинип турган, аны мелтирей көпкө тиктеди. Күлүмсүрөп, мээрим төгө караган апасы көзүнөн көзүн албай: "Кызым, неге өзүңдү жеңил баа кылдың, жаңылыштыгың өзүңө бактысыздык алып келбесе болду, берекем. Эми сак бол, ойлонуп иш кылсаң тилегиңе жетесиң", - деп күңгүрөнгөндөй сезилди. Дароо артына бурулуп, сыртка чыга калса, дарбазадан Хадича кирип келаткан экен, ал баягүнү эле өзүнө куда түшүп келген аял, болочок кайненеси.

- Ой, айланайын кызым, тынчсыңарбы, аман-эсен турасыңарбы? - Хадича Дилбараны көрөөр замат колун жая сүйлөп кирди.

- Жакшы, апа, келдиңизби, аман турасыздарбы?

- Кудай буйруса баары ойдогудай, кызым, даярдык бүткөн, Шайырбек болсо шаштырып жатат, - деп сүйлөшкөнчө ичкери кирип келишти, Шайырбек дегени баласы. - Эргешбай артка тартып туруп алды, деги ал үйлөнгөнү жатабы?

- Эмне дейсиз? - Дилбара Хадичаны таңгала карады.

- Өзүм аял алып, анан кызымды узатам дептир Тургунбекке, токчулук-молчулук дегендей күздүн күркүрөгөн тоюмчулугунда биз да тойду өткөрүп, баш-аягыбызды жыйсак болот эле…

- Атам ошондой деген бекен?

- Ооба, кызым, Тургунбек атаңды билесиң, иштин баарын өзүм бүтүрөт эмесминби, Эргешбай болсо жакшылап сүйлөшүп тойду эртелетели демекмин, ал жок тура.

- Атам жумушка эрте кеткен, алардын иши ошондой да, - деп Дилбара эмне кылаар айласын таппай Хадичаны бат эле кетип калса экен деген ойдо чыныга чай куюп узатты.

- Чай ичиңиз.

- Кем болбо, кызым, сени бала кезиңден көрүп-билип, көз алдыбызда чоңойдуң. Шааркан абдан жакшы аял эле, жайы жаннаттан болсун, эрте кетти.

- Апам жөнүндө жакшы ниетиңизге рахмат, апажан.

- Аа-а, кызым, биз бири-бирибизди башынан билебиз, жакшы теңтуштардан элек. Эми кудалашып ортобузду ого бетер жакындатып, эки баланы кошуп койолу дегенбиз, - деп Хадича алакан жая бата кылды. - Кем болбо, кызым, бактылуу бол, кагылайын, - деди да, ордунан турду. - Мен барайын, Эргешбай келсе менин келгенимди айта гой, кызым.

- Макул, - деген Дилбара аялды узатып, кайра кирди. "Эми эмне кылам, булар мени алып кетип калса, кантип барам, атам билсе канттим? Шайырбекке тийбейм деп ачык айтышым керек, бирок атам макул болбой койсо кантем?" - деп ыйлап жатканда эшик кылдырай ачылып Эргешбай кирди. Ал Дилбарадан кабар алып кайра жумушуна кетмек, кызынын ыйлаганын көрүп чочуп кетти.

- Эмне болду, кызым, мага капасыңбы? - Келип жанына отуруп, чачынан сылады. - Капаланба, кызым, мен сени жалгыз таштабайм, жакында сен дагы өз ордуңду табасың.

- Ата, мен ага ыйлаган жокмун!

- Анан эмнеге?

- Мен Шайырбекке тийбейм!

- Эмнеге?! - Эргешбайдын үнү башкача каардуудай чыкты. - Эмнеге минтип турасың?

- Ата, сизди капа кылгым келбей жүргөн, эми айтышым керек, эгер мени кызым десеңиз мени ага бербеңиз.

- Кантип, сөз бүтүп калган да, кызым.

- Жок, анда мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - Дилбара "ушинтсем атам коркуп, мени өз жайыма койот", - деп ойлоп турду.

- Кызым, өлөм деп коркутуу оңой, өлүп калуу кыйын, өз тагдырыңды өзүң чече турган куракта эмессиң. Кызы ата-энесинин сөзүнөн чыкканы биздин ата-бабабыздын салтында жок, мен кандай айтсам ошондой болот. Шайырбек абдан жакшы жигит, сени кор кылбайт, - деди кызын карысынан ала өйдө кылып. - Кана сүйлөштүкпү, үйгө ага-жеңелериң келбедиби?

- Жок.

- Келбесе эми келет, тойго даярдык көрө баштайлы, кудалар шаштырып атат. Эртең базарга түшөсүңөр, чогуу кийим-кече алып, анан ишти бүтүрүүгө аракет кылалы ээ, кызым, - деп Эргешбай Дилбаранын көз жашын аарчыды. - Мен апаңа убада бергем, сенин бактылуу болушуңду гана тилейм, кызым, жайлуу жерге тушуксаң менин көөнүм тынч болот.

- Ата.

- Эмне айтаарың бар дагы?

- Ата, мени бактылуу болсун десеңиз Шайырбекке бербеңиз, мен ага баары бир барбайм!

- Кызым, сен акылдан адаштыңбы?

- Жок, акыл-эсим жайында, менин жигитим бар!

- Ким ал, кимдин баласы? - Эргешбай каштарын жыйрый кызын карап калды.

- Атасын билбейм, Кара-Суудан, аты Махмуд.

- Ата-тегин билбей туруп, өз тагдырыңды кайдыгерликке салгың келеби, кызым? Сен Шайырбекти башынан билесиң, ата-энеси бардар турушат, бизнеси жакшы өнүгүп баратат, акылдуу бала…

- Кереги жок, мен мектепке барышым керек! - Дилбара бетин жууп, кийимин кийди да, сыртты көздөй жөнөдү. Эргешбай: "Бул кыз соо эмес, мындай эмес эле, кандай неме башын айлантып койду экен? Муну билишим керек, сөзсүз билишим керек" - деп, үйүн кулпулай короосунан чыкты. "Зухра каршы болуп туруп алды, кызымды тезирээк күйөөгө узатпасам болбойт. Келиндерди үйгө келгиле дейин да, тойду кечеңдетпей муну кетирейин, кокус кечиксем иш болбой калчудай", - деп ойлонуп, уулунун жумушуна кайрылды. Ал жаңы эле келген.

- Уулум, кандайсың?

- Жакшы, ата, келип калыпсыз?

- Келдим, уулум, иш бар, бир аз сүйлөшөлү, - деди Эргешбай. Акрам колун тазалай четке чыкты, көпкө узабай эле ата-баланын сөзү бүттү.

- Сен Гүлнарды да, Акбарды да чакырып, кечинде үйгө өткүлө, - деп Эргешбай жолун улады.

Зухра театрда жүргөн, Эргешбай анын жанына келип:

- Зухра, иш чатак, кызым башкага чыгам деп ыйлап атат, тойду эртелете берейин, ага чейин сен дагы ойлонуп көрөөрсүң, - деди.

- Эргеш, мен дагы уулумду үйлөнтөйүн, сен кызыңды бер, экөөбүз өз милдеттерибизди аткарып коюп, анан кудай айтканды көрөөрбүз, уулум дагы шаштырып жатат.

- Туура, андай кылбасак болбосун кеч түшүндүм, Зухра. Эми ишке өтөлү, эртең жаңы спектаклге ролдор бөлүштүрүлөт, сюжеттерин бир сыйра окуп көр, менимче башкы роль сага тиет, режиссер ошондой дегендей болду, - деп акырын шыбырады.

- Балким ал ролду ич арадан өздөрү башка бирөөгө ылайыктап жаткандыр, мага берсе жан дилим менен аткарам, - деди Зухра күлө.

- Сен ошого ылайыксың, Зухра, а мен эптеп бир роль аткарымыш болуп жаныңда жүрсөм болду, - деп Эргешбай эки жагын карана жаагына жаагын тийгизди.

- Кой эми, көргөндөр эмне дейт, айрыкча Гүлшан сени менден кызганып араң жүрөт, - деп келин кылыктана жылмайып, көзүн сүздү. - Мени көрөйүн деген көзү жок, башкы роль мага тийип калса, театрдан кетем деп чыгат болуш керек.

- Кеткен-кетпегени мени кызыктырбайт.

- Балким сага деле жагаар… - Зухра аны сынай карады.

- Эч качан жаккан эмес, жакпайт дагы, - деп экөө сүйлөшүп отурганда Айтыгул деген актер алардын жанына келди:

- Чогуу түштөнөлү деп жатышат, кандай дейсиңер?

- Каршы эмеспиз.

- Анда он эки кишиге буйрук берелиби?

- Бере бергиле, көптөн бери ар кимибиз өз алдыбызча кетип, сагынышып деле кала турган болдук, - деп Эргешбай бакылдады. Айтыгул унчукпай кетип калды. - Булар бирдеме ойлоп тапкан жокпу? - Зухрага карады.

- Кайдан билем, мага бирди кыла албай жүрүшөт. Булардын колунан баары келет, айрыкча экөөбүз жүргөндөн бери көз караштары башкача, - деп Зухра дагы ойлуу отуруп калды. Бака-шака болуп бир аздан кийин эле чогуу театрдын алдындагы ашканада отурушту. Гүлшан Зухраны карап:

- Кийинки күндөрү сенин дегеле убактың болбой калды да, ушу сенин жүрөгүңдү бирөө ээлеп алганбы дейм, сүйүү жаш карыга бирдей дегени чын, - деп күлүп калды.

- Болсо болоор, эмнемди аямак элем?

- Эргешбай экөөңдүн тоюңар качан болот деп күтүп жүрө беребизби?

- Гүлшан, биз эми жаш эмеспиз, той-пою жок эле баш кошуп алсак, ким кой демек эле? - Зухра ага мисирейе карады. - Сен тийсең, үйлөнүү той берип, бакыт үйүнө бараар белең?

- Барса барам эле, келин-кыздарым гүл менен тосуп алып куттуктамак, Эргешбай мени эмес сени тандаганын карабайсыңбы. Эмдигиче эбак дүңгүрөтө той берип, тийип алмакмын, сенчилеп маалкатпай.

- Анда каршылык жок, азыр да кеч эмес, Гүлшан, али Эргешбайдын башы бош, кимди кааласа өз эрки. Түштөнүүнү атайын ушуну айтайын деп уюштурсаң, анда өзүңөрчө тамактана бергиле! - Зухра ордунан турганда Айсара аны акырын жеңинен кармап калды:

- Биз бир жерде иштейбиз, күнүмдүк көйгөйүбүз да, алдыдагы күткөн жакшылыгыбыз да бир, эмне керек бизге? Ар ким өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш, сен али жаш эле бойдонсуң, кадырың бир топ. Минтип бири-бирибизди чукушканыбыз болбойт. Гүлшан, Зухра бир топ тынымдан кийин келди. Ошондо кандай Эргешбай акени чаап алган жоксуң, эми арабызга чычкан жорголотпой ынтымакта бололу. Андан көрө эртең жаңы спектаклдин премьерасын баштайт экенбиз, ошону сүйлөшөлү.

- Ой, анда дагы Зухрага башкы ролду берип көкөлөтөсүңөр да, канча жылдан бери театрды өз үйүмдөй көрүп эрте келип, кеч кетип жүрсөм деле мени эч ким баалай элек.

- Болсо болоор, ар кимибиз өзүбүздүн эмгегибизди кылып, аздыр-көптүр нан таап жеп жатабыз, - деди Аскарбек баарын карап. - Туура айтамбы, ыя?

- Туура-туура, иш жөнүндө сүйлөшөлү, ынтымак менен эптеп бири-бирибизди колдошубуз керек, - дешип тамактанып бүткөн соң баары жапырт турушту. Эргешбайдын бир ооз сөз айтпаганына Зухранын жини келип турду. Ушул ирет андан таптакыр баш тарткысы да келди, бирок жалгыздыктан тажап жүргөн жаны, анын койнун, карылуу кучагындагы кумарлуу түндөрүн ойлогондо Гүлшанга көрүнгүсү, азыр эле ага макулдугун берип баш кошуп алгысы келип кетти. Анын кабагын байкаган Эргешбай артынан келип гримерныйга кирди.

- Зухра, капа болуп калдыңбы?

- Эмнеге капа болмок элем? - Келин сыр билгизбей кайра өзүнөн сурады.

- Деги да, Гүлшандын сөзүнө капа болуп калдыңбы дейм да, - деп Эргешбай жасакерлене мойнунан жыттап койду. - Биз аны жеңебиз, айтып-айтып кала берет, сен капаланба, макулбу?

- Мен капа болбойм, - деп койду Зухра. Экөө бир топко отуруп, анан Эргешбай өз ордуна кетти. Зухра күзгү алдында көпкө отурду. "Мен Махмуддун кызына барып эртелетейин, акыры өзүмдүн тагдырымды чечүүгө убакыт келет", - деп, көңүлү көтөрүлө сыртка чыкты. Аңгыча режиссер чакырып калды, баары толук келгенден кийин:

- Биз "Өкүнүч" аттуу драманы даярдашыбыз керек, ар бириң өз ролдоруңа тиешелүүнү көрүп таанышып чыккыла. Кана эмесе, азыр ролдорду бөлүштүрөбүз, сценарий боюнча башкы ролдогу келин турмушта абдан жабыр тартып келип, андан кийин өз бактысын табат. Менимче бул ролду Маматбаева аткара алат, - дегенде Гүлшан:

- Мага да ылайык экен, мен алсам болбойбу, агай? - деди эле, Асылбек аны бир карап жылмайып алды:

- Сен дал ошол Зухраны жабыркатчу аялдын ролун аласың, - дегенде баары күлүп калышты.

Ошентип күйүнгөнү күйүнүп, сүйүнгөнү сүйүнүп, ролдорун алып таанышууга өз бөлмөлөрүн көздөй кетишти. Бул ролго Гүлшан күйүнгөн жок. "Мен аны дал жашоодогудай жабыркатам, эми менден көрүп алсын, терс каарман мага да жагат", - деп ойлонуп, тескерисинче, эт-бети менен киришип жаттай баштады. Зухра үйүнө келип, өз бөлмөсүндө сценарийди окуп аткан. Келини Самира тамагын жасап, анан ага башбакты:

- Апа, тамак даяр.

- Азыр, силер иче бергиле.

- Макул, апа, муздай электе ичип алыңыз, - деп коюп сыпаа гана кайра чыгып кетти. "Кудайга шүгүр, келиним дурус чыкты, эми Махмуддун аялы жакшы болсо болду" деп кагазын коюп, бөлмөсүнөн чыгып, балдарынын жанына келди.

- Махмуд келе элекпи?

- Жок, ал келсе келет, келбесе жок. - Бурхан көңүлсүз жооп берди.

- Эми аны үйлөнтөлү, эртең Гүланда менен Нурила экөөнү чакырып келип, кызга баралы, мен жумуштан жооп сурап келе калайын.

- Макул, эжемдерди эртең менен өзүм чакырып келем.

- Ошент, уулум, милдетиңерден кутулсам болот эле, антпесе балам колоктоп үйгө түнөбөй турган болду, - деп Зухра келини алдына койгон тамакты ичип туруп кетти. Ал ойлуу, кандай болгондо гана колкондой болгон уулдарына турмушка чыгаарын айтам деген санаа басып турган. Кыздары менен күйөө балдары эмне дейт? Бул суроолор аны кыжаалат кылып жатты. Эртеси түш ченде эки кызы менен Махмудду ээрчитип алып, Дилбаранын үйүнө келишти. Үйдө Акрам менен Акбардын аялы бар болчу. Дилбара келгендерди ичке баштап кирди. Дасторкон четине отурганда Зухра сөз баштады:

- Силерде кыз бар экен, бизде уул бар, куда түшүп келдик. Кыз менен бала сүйлөшкөн экен, макул десеңер жакшылап сүйлөшөлү, кеңешели. Тойду тез арада өткөрүп, эки баланы кошуп койолу.

- Биздин кызыбыздын кудалаган жери бар, жакында тою болот, кечигип калдыңар го? - деп жылмая жооп узатты Акрамдын аялы Гүлчахра. - Атамдын убактысы жогунан биз өзүбүз даярданып жатабыз, той, буйруса, келээрки жумада болот.

- Кыз буйругандыкы, насип тартса кимге буйруса да бактылуу болсун, ошентсе да бири-бирин жактырган эки жаштын тагдырын ойлошубуз керек.

- Жо-ок, эже, Дилбара өзү макул болгон, күйөө бала экөө бирин бири жакшы билишет, чогуу ойноп, чогуу өскөн.

- Мейли, кызым, эмнеси болсо да кыздан бир ооз сурайлы да, кетели.

- Макул, - деп Гүлчахра сыртка чыгып, ыйлап турган кайынсиңдисин көргөндө чочуп кетти. - Кыз, сага эмне болду?

- Жеңе, мен Махмудду сүйөм, Шайырбекке тийбейм!

- Эмне дедиң, атам ошого көнөбү?

- Мен атама айткам, макул болбосо өзүмдү-өзүм өлтүрөм!

- Кой ыйлаба, үйдөгү конокторду жөнөтөлү, сен ички үйдө отура тур. Бул ишти атам гана чечет, Акрам дагы жок болуп жатпайбы, - деп келин ыңгайсыз абалын билгизбей Зухралардын үстүнө кирди. - Кыз атам билет дейт, атабыз келсин, анан сүйлөшүңүздөр.

- Менин да убактым тар эле, жумушумдан суранып келгем, эгер каршы болсоңор анда кечинде келебиз, жообуңар даяр болсун, - деп Зухра жанындагыларга карады. - Кетели эми, отурганда пайда жок!

- Кеттик, - дешип дасторконго бата кылып, туруп жөнөштү.

- Жакшы барыңыздар, капа болбоңуздар.

- Таарыныч жок, тагдыр насип кылса дагы далай жолугушабыз, - дешип жуучулар өз жолуна түшүштү. Зухра жумушка келсе артисттер өз ролдору менен алектенип жатышкан экен. Зухра менен Гүлшандын ортосунда ойной турган Эргешбай аны менен сүйлөшүп, чогуу даярданып жаткан. Зухра аларды бир карап коюп өз бөлмөсүнө кетип баратканда Эргешбай кошо басты.

- Кандай, иш жайындабы?

- Баары ойдогудай.

- Жакшы болуптур, келинди алганда чогуу болобуз ээ? - деп бетинен өөп койду. Зухра унчукпады, Эргешбай да өз ишине киришти. Ал үйүндө эмне болуп жатканы менен иши жок, бейкапар эле, ошондуктан ролуна берилип иштеп аткан. Кечинде үйүнө келсе, Акрам аялы экөө эле бар экен, Акбар аялын, бала-чакасын ээрчитип үйүнө кетиптир.

- Даярдыгыңар кандай? - деди Эргешбай кирип эле.

- Жакшы, сиз менен кеңеше турган сөз бар, - деди Акрам.

- Айта бергиле, кемчилиги барбы?

- Жок.

- Анан эмне?

- Дилбара Шайырбекке барбайм деп чатак кылып жатат, ага каршы болуп атып, өлтүрүп албайбызбы?

- Өлбөйт!

- Ата, аны да түшүнүш керек, жаштарды сиз түшүнбөйсүз, өлсө өлүп калат, байкап иш кылалы, бүгүн жигити жуучу жибериптир…

- Эмне-е? - Эргешбай таңгала карады. - Ким экен алар?

- Сиз балким билесиз, ал аял актриса болсо керек эле…

- Эмне-эмне, ушул чынбы? - Эргешбай Зухранын жуучулукка барам дегенин эстеди. Мурун дагы бир жолу "Кудалап коюптур, аны менин балам жактырат экен", - дегени эсине түшүп, эмне дээрин билбей калды. Үнсүз отуруп калган Эргешбайды Акрамдын үнү бузду.

- Дилбара мектептен келгенде сүйлөшүп, Тургунбек акелерге жооп берип коюңуз, кызды кыйнаганда эмне, өзү каалаганга бара берсин.

- Барбайт! - Эргешбай бурк эте сыртка чыгып кетти. Түн катып досунукуна барды да, Дилбарды ала качып кетүүгө макулдугун берип, өзү зымпыйып келип, тамак ичип отуруп калды.

Ошол түнү даяр турган немелер эшиктин ачык экенин билип, акырын шырп алдырбай кирип, Дилбараны уктап жаткан жеринен көтөрүп чыгып, машинага салып кетишти. Мунун баарын Эргешбай билип-туюп турду, бирок эч нерсе деген жок. Алар узагандан кийин эшиктерин жаап, терең үшкүрүнө ордуна жатты. Акрамдар кечинде эле үйлөрүнө кетип калышкан, балдары жаш эле. Дилбара чочуп ойгонуп кетип, өзүн тегеректеп турган чоочун адамдарды көрүп ыргып турду:

- Мен каяктамын, силер кимсиңер?!

- Сени ала качып келдик, Шайырбектин колуктусусуң эми, - дешип аялдар анын жанына кийимдерди таштады. - Буларды кийе гой, садага, кызды ушинтип эле алат, - деп Хадича аста айтып чыгып кетти. Дилбара кечинде ар дайым чечинип жатчу, азыр дагы түнкү көйнөкчөн эле, аргасыз көйнөктөрдү кийди да, жоолугун салынбай босогого жетти:

- Мени койо бергиле, баары бир мен бул жерге турбайм! - деп эшикти каккылаар замат даяр турган аялдар кирип келишти.

- Кой, кызым, астананы аттап киргенден кийин кайра чыккан болбойт, сенин тагдыр жолуң эми ушул үйдө, Шайырбек жакшы жигит, - дешип көшөгөгө алып келишип, ой-боюна карабай эле жоолукту башына салышты. - Көшөгөң көгөрсүн, алганың менен тең кары.

Көзүнүн жашы көл болгон кыз аргасы кеткенде:

- Мен Шайырбек менен сүйлөшүшүм керек, - деди эле, баары чыгып, Шайырбек кирди. - Шайырбек, сен түшүнүктүү адамсың, мен сени сүйбөйм, сүйүүсүз жашоо кандай болот, менин абалымды көрчү, сага аял болуп бере аламбы? - дегенде Шайырбек кыздын маңдайына келип, карысынан ала көздөрүнө тике карады:

- Сен мени сүйбөйсүңбү?

- Жок!

- Бул жөнүндө неге мурда айтпадың?

- Атам билет, ошол үчүн мени минтип тойсуз ала качтырып отурат, ошонун кылганы. Сен мени түшүн, мен баары бир сага турбайм, өкүнүп калганча ушундайда мени кетир, жеткирип койгула, - деп Дилбара ыйлап жатты. - Шайырбек, мени түшүнчү!

- Дилбара, мен мындай болоорун билген эмесмин, а мен сени бала кезден жакшы көрөм, менин сүйүүм сага арзыбайбы?!

- Жок, Шайырбек, сен ошондой деп түшүнүп алгандырсың, ал сүйүү эмес, жөн гана сезим, мени антип кыйнаба!

- Мен үйүмө келген бактыны кетиргим келбейт, акырындык менен биз бири-бирибизге көнүп кетебиз, баары унутулат, Дилбара.

- Жок, эгер сен мени укпай турган болсоң, ушул үйдөн өлүгүм чыга турган кылам! - деген Дилбара дасторкондо турган бычакты ала коюп, өзүнө шилтегенде Шайырбек кармап калды:

- Болду, кетсең тынч кет, мен сени кармабайм! - деп Шайырбек жини келе колун силккенде бычак жерге түштү. Кызды көшөгөгө жетелеп кирип, отургузган соң жигит ачуулана сыртка чыгып, ата-энесине барды. - Мен буга үйлөнбөйм, жеткирип койгула!

- Эмне дейт?!

- Кокуй, эл укпасын, - деген Хадича жыла басып, төркү үйгө кирди. Дилбара эки алаканы менен бетин жаап ыйлап жаткан. Хадича анын жанына келип отуруп, жоолугун оңдоп салып:

- Кызым, сен кетем дедиңби? - деп сурады.

- Мени кечириңиз, мен Шайырбекке тийе албайм, жигитим бар, биерде калган күндө да ага бүлө боло албайм, - деп шолоктогон кызды сооротуп жатты:

- Кызым, жашоо ушундай, дүйнөдө кыз бечараны өз эркине коюшпайт, ким озунса алып кете берет. Биз сенин атаң менен теңтушпуз, Шайырбек экөөңөрдү үйлөнтүп, ого бетер жакын, ого бетер ынтымакта бололу дегенбиз. Башында кандай айтпайсың, биз дагы чабылып-чачылбай башкача иш кылат элек, - дегенде Дилбара:

- Атам билет, билип туруп ушуну кылды, апам болгондо мени укмак, көз жашымды төктүрмөк эмес, - деп боздоп жатты. Ошол маалда сырттан Шайырбек кирип, апасына:

- Машина даяр, кармабай койо бериңиз! - деди.

- Ботом, кыз кетем дебей эмне кылчу эле, чыдамдуу болчу, балам, кыз деген ушинтип эле келин болот, көнөт акыры.

- Кереги жок, жеткирип келем! - деп кайра каалганы катуу жаап чыгып кеткенде, Дилбара туруп сыртка карай жүткүндү. Хадича эмне дээрин билбей дабдырап туруп калды. Дилбараны машинага салган Шайырбек үн дебей келаткан. Үйүн көздөй кеткен жолго бурулганда кыз:

- Токтот, ушул жерден калам, - деди эле, Шайырбек ага болбоду.

- Өз колум менен тапшырам атаңа, эртең бирдеме болсоң жооп бергидей алым жок, - деп түз эле дарбаза тушка келип токтотту да: - Түш, үйгө киребиз, - деди кызга.

- Сен бара бер, мен өзүм кирем.

- Болбойт, чогуу киребиз, - деп түшүп келип, эшикти ачып колунан тартты. - Мени жолдон калтырба, мен дагы сендей эле аргасыз макул болуп жүргөм, азыр барып сүйгөн кызымды алып келишим керек. Рахмат, сен менин көзүмдү ачтың, кыз болсоң да эр экенсиң.

- Табалаганыңбы?

- Жок, кубанганым.

- Мени түшүнгөнүңө рахмат, Шайырбек, эми дагы бир жолу сөзүмдү угуп койчу, мени үйгө киргизбе, атам мени өлтүрөт, - деди Дилбара ыйламсырай.

- Андай болбойт, мен ал кишиге баарын түшүндүрөм, сага эчтеке дебейт, - деп колунан жетелей короого кирди. Ошол кезде Эргешбайдын үйүн акмалап жүргөн Махмуд Дилбараны көрүп далдоого кире качкан. Шайырбек үйгө киргенде Эргешбай эки уул, эки келини менен неберелери болуп отурган. Жетелешкен экөөнү карап делдейип калышты.

- Силерге эмне болду? - деп Акрам ордунан турду.

- Мени кечириңиз, Эргешбай аке, биз бири-бирибизди сүйбөйбүз, мени да ата-энем кыстап жаткан. Мени да, Дилбараны да кечириңиз, кеч боло электе өз-өз тагдырыбыз менен кеткенибиз жакшы, - деп Шайырбек кайрылбай чыгып кетти.

Эч кимиси үндөбөдү, Дилбаранын гана бышактап ыйлаганы угулуп, жымжырттык өкүм сүрдү. Эргешбай аргасы кете өйдө туруп, сыртка чыгып кетти. Гүлчахра кайнатасы чыккандан кийин бетин басып алып ыйлап аткан Дилбаранын жанына келип, көз жашын аарчый ички бөлмөгө алып кирди:

- Кой, ыйлаба, жашоодо баары боло берет, сени түшүнгөн жигит экен, мурда жолугушканыңда айтсаң болмок.

- Жеңе, жолуктурушкан жок да, билип-көрүп жүргөн дешип эле өздөрү кылбадыбы. - Кыз ого бетер буркурап жиберди. - Эми эмне болот, алардын көйнөгүн кийип келдим, келин көйнөктү кийип келгеним эч нерсе болбойбу?

- Эчтеке болбойт, маселе тез чечилгени жакшы болду, эми өзүңдүн гана мырзаңа барасың, - деп Гүлчахра аны сооротуп, жашын аарчып отургузду. Сыртка чыгып, чылапчын менен чөөгүн алып кирди. - Кел, бети-колуңду жууп ал, кайгырбагын, кызыке, атам акыры көнбөгөндө кайда бармак эле, андан көрө кубана бер, өз сүйгөнүңө буйрук экенсиң, - деп суу куюп берип жуундуруп, кийимин алмаштырды. - Кардыңды тойгузуп, эс ала бер, - деди. Чыгып тамак-ашын көтөрүп келип, алдына койду.

- Эч нерсе ичким келбейт, жеңе.

- Ошо болчу беле, ойлонбо эми, тамагыңды ичип, анан жатып алып ойлонсоң да жетишесиң, - деп күлдү жеңеси. Экөө отурганда Акбардын аялы Таңсулуу кирди:

- Эмне болду, эрке кыз басылбай жатабы?

- Ооба, атасына таарынып...

- Таарынганда эмне, баары бир түшүнүшпөйт, андан көрө өзүңө бек бол, көп эле капалана бербе.

- Ичип алсаң, - деп эки жеңеси эки жагынан чыкканда Дилбара алардын бул мамилелерине ичи жылып, ого бетер ызаланды.

- Атам кирдиби?

- Кирип ордуна жатты окшойт.

- Ии-ий, ушул атамдын кыялы жакпайт, бир кызды жөн эле ою менен койбойбу, кызык ушу атам, - деди Таңсулуу.

- Эски кишилер да, аны эмне кылабыз, ишиңди бүтүрдүңбү? - Гүлчахра абысынын карады.

- Бүткөн, калганын эртең жасайбыз да.

- Макул, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дегендей өзүм да чарчап турам, бүгүн эс алалы.

- Эмне жасап жатасыздар? - Дилбара эки жеңесине суроолуу карады.

- Кыям жасап жатабыз, атам жасап бергиле дегенинен.

- Аа-а, - деп Дилбара бир аз эс ала түштү, бирок бир суроо дагы эле жүрөгүн өйүтүп аткан, ал Махмуд эле. "Ал укса эмне дээр экен, кайра алып келип койгонун укса, ал дагы менден качсачы? Жок-жок, Махмуд андайга барбайт, ал мени сүйөт, мен аны сүйөм, алтургай өзүмдү да арнап койбодум беле. Ушунум туура эмес болду ээ, кандай ойдо калды, ушинтип эч кимисине тең болбой кала бербесем экен, кудайым ай, тилегимди бере гөр, Махмудду менден айрый көрбө!" - деп мелтиреп отуруп калды. Эки жеңеси өз жумуштары менен алек болуп кеткен. Бул убакта Эргешбайдын башы катып: "Бул жөнүндө Зухра билбесе керек, Дилбардын менин кызым экенин али билбейт го. Кантип эми кызымды ага берем, экөөбүз таза болсок бир жөн. Кой, Дилбараны шаарга жөнөтүп жиберейин, тагалары бар эмеспи", - деген чечимге келди да, эртең менен эрте туруп, Дилбаранын үстүнө кирди.

- Ата, - Дилбара чочуп ордунан ыргып турду.

- Кызым, экөөбүз кеңешишибиз керек, сен эрте туруп шаарга жөнөгүн, жолуңа пул дайындап койдум, тагаң келип кетсин деп жатат, бир барып кел ээ, кызым? - деди ага.

- Ата, жумушумду кантем, кайра келсем албай койот да.

- Иштебей эле кой, өзүм таап берем сага, эртеңкини ойлонбо, айттым болду, - деп коюп атасы бөлмөдөн чыгып кетти.

- Барбайм! - дегенин уккан да жок. Ошентип аргасыздан атасынын сөзүн эки кылалбай Бишкекке жөнөдү. Тагасы Раимжан абдан жакшы турчу, бараары менен эле тосуп алды:

- Келдиңби, мен сени аябай күтүп жаттым эле, - деди жээнин эркелете.

- Эмнеге, тага, жумуштан калбадымбы?

- Эчтеке болбойт, мен сага бияктан жакшы жумуш таап берем, - деп үйгө киргизди. - Сага жакшы жумуш тапкам, ошон үчүн чакырттым да.

- Өзүмдүн жумушум деле жакшы болчу. - Дилбара тагасы көрсөткөн орунга отуруп жатып, кабак бүркөй Махмудду эстеди. "Эмне болуп жатты экен, мени издедиби же колун шилтеп басып кеттиби, эмне кылсам экен, кайра кетип калсамбы?" - деп ойлонуп отура берди. Раимжандын аялы Бермет, эки уулу менен кызы баары бар экен. Алар чоңоюп үй-бүлөлүү, өздөрүнчө турушат. Дасторконго отурганда Раимжан:

- Дилбара, сен эми чоңойдуң, эжемдин арбагы үчүн сени адам болсун деп атайын чакырып алдым, эртең чоң мекемеге барып иштейсиң, мен сүйлөшүп койгом, - деди жээнине жылмая карап. - Буйруса, сырттан окуп аласың.

- Тага, мага өзүмдүн ишим жагат, жаш балдарга көнүп калдым, өз ордума эле барайынчы…

- Жо-ок, азыркы заманда карьера деген башкы маселе, керек болсо сени окумуштуу кыламын, эч жакка барбайсың, - деп койду эле, унчуга албай калды. Андан кийинки сөздөр кулагына кирбей эси-дартынын баары Махмуд болуп саналуу ойлорго батып отурганда Бермет:

- Дилбараны окумуштуулукка жеткирбей эле ала качып кетсе кантебиз? - деди күлө.

- Ала качпайт, мага жакпай турган болсо күйөөгө бербейм, өзүм тандап туруп окуусун бүткөндөн кийин берем.

- Сулуу кызды токтотпойт го, жездемден сөгүү укпасаң эле болду.

- Жездем менин сөзүмдөн чыкпайт, - деп койду Раимжан. Андан кийин Бермет Дилбарага конок бөлмөсүнө орун салып берди. Ар бир бөлмөдө телевизор, эмеректери жалтырап таптаза, үй ичи жылуу тартып бир калыпта мээлүүн экен. Уктай албай көпкө жатып көзү илинип кетти.

Махмуд Шайырбектин машинасы ордунан жылып кеткенден кийин дарбазага барып тыкылдатмак болуп даабай кетип калган. Эртеси келгенде Гүлчахра чыкты. Жигит келин менен сылык учурашты:

- Саламатсызбы?

- Саламат, ким керек эле?

- Дилбара үйдөбү?

- Аа-а, ал жок, бүгүн эле шаарга кетти.

- Качан келет болду экен?

- Менимче, атам ошол жакка биротоло жиберди го.

- Жумушучу?

- Анысын билбейм.

- Кечиресиз, шаардагы дарегин билбейсизби?

- Аны билбейт экенмин.

- Макул, рахмат сизге. - Махмуд дароо артына кайрылып ары басып кетти. "Мен аны табам, эртең эле жөнөйм" деп баратты. Үйүнө келсе Зухранын кабагы кирдеп отурган экен, уулун бир карап койду:

- Эмне болду?

- Дилбараны атасы шаарга качырып ийиптир, эртең мен дагы кетем.

- Кайда, Бишкекке бармаксыңбы?

- Ооба, Дилбараны табышым керек.

- Эсиң менен бол, балам, мен сага айтып коюшум керек, Дилбара артист Эргешбай Момунжановдун кызы экен. Мен дагы билген эмесмин, эми билдим, ал бизге кызын бербейт, балам, андан үмүтүңдү үз!

- Эмне экен, артист болсо өзүнө, мен баары бир Дилбарага үйлөнөм! - деп уулу ичкериге кирип кеткенде Зухра ойлуу отуруп бүгүнкү Эргешбайдын айтканын эстеди.

- Зухра, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, - дегенде аны карап калган Зухрага: - Силер кечээ Дилбарага бардыңарбы? - деп сураган.

- Ооба, эмне болду?

- Зухра-а, ал менин кызым эмеспи, иш бүттү, мен кызымды күйөөгө бербейм, кудалаган жеринен дагы баш тарттым, - деп басып кеткен. Ошол бойдон жанына жолободу. "Баары ойрон болду, балаң кургурдун ошону сүйүп калганын кара. Мен аны менен болбогонумда дагы башкача болмок, эми кандай болот, Эргешбай мени да таштады", - деп Зухра бозоруп турду. Же баласына катуу айталбай, же баарына кол шилтеп басып кете албай, ичи өрттөнүп баратты. Махмуд өз бөлмөсүндөгү каткан акчаларын алды да, кийим-кечесин сумкага салыштырды. Эң алдына акчасын катып, үстүнө кийимин салды. Баарын даярдап болуп, анан жатып алды. Көкүрөгүндө ыза, көз алдында Дилбара, кулагында: "Ал бизге кызын бербейт, балам, үмүтүңдү үз", - деген апасынын үнү. Ары оодарылып, бери оодарылып уктай албай жатып көптө көзү илинди. Эртеси эрте туруп, апасына да жолукпай жөнөп кетти. Шаарга келип адегенде жатаканага жайгашып алып шаар кыдырып жөнөдү, шаарда дареги жок адамды табыш кыйын. Ошентип кыдырып жүрүп, бир айдын ичинде тажап да кетти. Бир күнү базарда келатса:

- Махмуд аке! - деп тааныш бала токтотуп калды. - Махмуд аке, кандайсыз?

- Аа-а, Рашид кандай? - деп учурашты.

- Жүрөбүз, аке, өзүңүз качан келдиңиз?

- Көп болду, өзүңдүн жашооң кандай?

- Нормально, жашоо жакшы, бизге конок болуп кетиңиз.

- Сөзсүз да, чогуусуңарбы?

- Ооба, сизге байланыша албай эле, бирок Каргага берип жатабыз, ал сиздей эмес, сыгып алат, - деп Рашид Махмудду ээрчитип базардан чыкты. Ош базарынын Кыял тарабындагы майда көчөлөрдүн биринен бурулуп, үч-төрт кварталдан ары бир короого киришти. Ээн короонун төр жагындагы бир бөлмөнүн босогосун аттаганда карта ойноп отурган үчөө-төртөө ордунан тура калды, алардын экөө жаңы эле.

- Махмуд аке, - деп беркилер учурашып атышты. Ал күнү Махмуд ошоекте түнөп калды, өзү иштеткен алты бала аны болушунча коноктоду. Баары сегиз бала болуп, бир чоң бөлмөдө турушканын көрүп:

- Эмне мынча жүдөгөнсүңөр, жок дегенде жашооңорду дурустап алсаңар боло, - деди Махмуд акырын. - Баягы мен бардагыдай маанайыңар жок го?

- Ооба, жарыбадык, аке, сиз абдан жакшы элеңиз.

- Эртең бардык шарты бар үй табам, баарыңар ошол жерде болосуңар, мен башка жакта турам, ишти кайра баштайбыз, буга кандай дейсиңер? - Махмуд аларды сынай карады.

- Макул, аке, биз даярбыз, - деди Рашид.

- Азаматтар, эртең батириңер ойдогудай болот, бу төшөнчүңөр дагы жарабайт, буларды өрттөп кеткиле, - деген Махмуд бул балдар менен иштешсе, акчага тунаарына көзү жетип турду. Бир жагынан аларды тапканына кубанса, Дилбараны таппаганына кайгырып убакыт өтө берди. Жолдуу болуп күндө колуна акча түшүп, жашоосу жакшыра баштады. Бир гана өкүнүчү Дилбараны таппай калганы. Билинбей арадан бир жыл өтүп кетти, үмүтүн үзгөн жок, апасына барып колунан келгенин берип, кайра кетет. Зухра баласынын ал-акыбалынан кабатырланып турса да, суроого оозу барбады. Экинчи жылы Махмуд үй алып, эмеректерин ташып алды. Балдары анын үйүнө келип, күн алыс отчет берип турчу болду. Ошентип иштеген иши жок, кычырай кийинип алып, каалагандай жашап, оюн-зооктордо жүрө берди…

Тагасы Дилбараны эртеси эле бир мекемеге жумушка киргизип койгон. Кыз болсо басса-турса оюнан Махмуд кетпей сары санаада жүргөндө жумушунда отуруп жүрөгү айланып чыкты. Оозун баса окшуп, ажаатканга эптеп жетип, кусуп кирди. Көпкө кармалганынан шефи издей баштаганда көзүнөн жашы куюла келип калды.

- Ой, кызым, сага эмне болду, ооруп калдыңбы? - деди мекеменин башчысы Темир Мусаевич.

- Башым айланып, көңүлүм айнып, ооруп турам.

- Кой анда, үйүңө бар, врачка көрүн, кызым, кыйналып турсаң керек, - деп жылуу-жумшак жөнөтүп койду. Ал келгенде үйдө эч ким жок болчу. Ансыз да үчөө эле, бөлмөсүнө жатып алып дагы кускусу келип чуркап чыкты. Куса берип, алы кетип шалдырап жатты. Кечинде Раимжан менен Бермет жумуштан келип, шылкыйып жаткан кыздын жанына экөө тең жетти.

- Диля, сага эмне болду, ооруп калдыңбы?

- Эмнең ооруп жатат? - деп үйрүлө түшүп, чекесин басып көрүп чыйпылыктап калышты.

- Суукка урунуп калсаң керек, ысык чай ичип алчы, - деп аны Бермет ой-боюна койбой тургузуп келди. Алдыга тамак-аш келээри менен окшуп тура качкан Дилбараны көрүп, экөө бири-бирин карады. Бирок эч кимиси үн каткан жок, жаш кыздан күмөн саноого экөөнүн тең дити барбады.

Ошондон баштап Дилбаранын тамакка табити жоголду. Тамакты көргүсү келбегени менен уйкусу канбай, басса-турса алма жегиси келип, сумкасына салып алып жей берчү болду. Көп өтпөй эле киндик тушу "бүлк-бүлк" этип кеткенин сезгенде чочуп кетти, ага чейин эч нерсе оюна келбеген кыздын бүткөн бою дүр дей түштү. Ошондо гана ал: "Боюма болуп калганбы?" -деп ойлоп, эси оой делдиреп отурган жеринде көзүнүн жашын төгүп алды да, тагасына кат жазып коюп кетмек болду. Жумушка баратып: "Тага, тажеңе, мен үйгө кеттим, издебегиле", - деп кат жазып калтырды, өзү Жалал-Абадды көздөй жөнөп кетти. Ал келип үйүнө киргенде кеч болуп калган, атасы үйдө экен, кыз унчукпай өз бөлмөсүнө кирип жатып алды. Эргешбай ал убакта эч нерседен капарсыз Гүлшан менен жаткан. Эрте турган Эргешбай босогодогу кызынын бут кийимин көрдү, бөлмөсүн ачса, уктап жатат. Шашыла жетип, Гүлшанды ойготту:

- Тур, Гүлшан, кызым келип калыптыр, бол эрте.

- Эмне болот эле, тааныштырып кой, - деген Гүлшан кериле өйдө болду. - Айтпай келип калыптырбы?

- Ооба, сен эрте бара бер, мен ачык айтып сүйлөшүп, анан сени үйгө алып келем, азыр бара бер, макулбу?

- Койсоңчу, - деп Гүлшан чоюла туруп кийинди. Анан көнгөн адатынча жаткан жерин жыйып, чай койду. Экөө чай ичип отурушканда Дилбара туруп сыртка чыкты. Аялдын бут кийимин кечинде байкаган эмес, эми көрүп, ийнин куушура ажаатканадан чыгып, жуунуп атканда Эргешбай чыга калды.

- Ой, кызым, келип калдыңбы? - деп чекесинен өөп, бооруна кысып алды да, ичкери алып кирди. Гүлшан аларды көрүп, өйдө турду.

- Кел, кызым…

- Менин кызым, таанышып кой, Дилбара, - деп Эргешбай күлө караганда Гүлшан келип колун сунду:

- Гүлшан, - Анын колун алган менен Дилбара унчукпады, төрдөн орун берип, чай сунду. Үнсүз отуруп, чай ичишкенден кийин Эргешбай туруп кийинди.

- Биз кеттик, кызым, үйдө болосуңбу?

- Ооба.

- Жакшы анда, - деп Гүлшан экөө үйдөн чыгышты. Бир аз узагандан кийин Гүлшан Эргешбайга таарынып кирди:

- Эмнеге айтпайсың, мага үйлөнөөрүңдү айтышың керек эле, же үйлөнгүң келбей жатабы?

- Гүлшан, мен ага жай айтышым керек, кечинде келип өзүм түшүндүрөм.

- Азыр айтыш керек болчу, ушу сенин арам оюң бар эй, - Далыга алаканы менен чаап койду. - Сага мен ылайык эмесминби?

- Койо турсаң эми шашылбай, балдарга айтыш оңой эмес экен, аял алам дегенден тартынып жатпаймынбы?

- Тартынба, сен эмне жаш белең, же кылмыш кылып жаттың беле, улгайганда жалгыздык жаман экен де…

- Ооба, айтам, бүгүн-эртең айтам да, - деп Эргешбай кызынын келген себебин биле албай өзүнчө кыжаалат болду. Дилбара Махмудду кайдан издерин билбей башы маң болуп көчөгө чыгып кетти. Же Махмуддун үйүн билбейт, эки жакты элеңдей караган менен тааныш караан көзүнө чалдыкпады. Бул кезде арадан үч ай өтүп кеткен, Махмуд шаарда болчу. Түшкө чейин башы оогон жакка басып жүрүп, кайра үйүнө келди. Ойлонуп отуруп келгенине кейиди, дареги жок адамды издеп таба албасын сезди, кимден сурамак? Акыры, мектептеги айлыгымды эсептешмекке келгем деп атасын алдап, кайра кетмек болду, кеткенде тагасыныкына барбай өзүнчө жашайм деп чечти. Кечинде Эргешбай эртерээк келди. Дилбара күлүп-жайнап тамак жасап, тосуп алды:

- Кызым, эмнеге айтпай келип калдың? - деди атасы адегенде эле.

- Ата, азыр суук, мен жумушта бир эле кийим кийип жүрө бергенден уялдым, мага беш миң сом керек, кийинип алайын.

- Ой, кокуй десе, телефондон эле айтсаң болбойт беле, театрдын телефонун билесиң го?

- Сизди көргүм келди, сагынып кеттим, ата.

- Айла-анайын десе, сен эми чоңойдуң, кызым, өзүңчө жашап, иштегенге көнүшүң керек, - деп кызын чачынан сылап койду. - Алты миң сом берем, кайра жөнөгүн.

- Мектепке барып айлыктарымды эсептешип алайын.

- Макул анда, эртең ишиңди бүтүр да, бүрсүгүнү жолго чык.

- Ооба, - деп Дилбара кабагын бүркөй унчукпай калды. Эртеси эртелеп мектепке жөнөдү, кирип баратып Махмуддун өзүн акмалап жүргөн кезин, андан кийинки жолугуп сүйлөшкөндөрүн, өзүнө сүйүүсүн арнап бирге турган жерлерин тегерете карап, анан директордун кабинетине башбакты. Директор арызына дароо эле кол коюп, бухгалтерине жөнөттү. Түшкө чейин эсептешип, кассирди күттү, акчасы колуна тийээри менен аерден чыгып аялдаманы көздөй басты. Улам кылт этип Махмуд эсине түшкөн сайын көзүнүн жашы кылгыра, автобус менен үйүнө келди. Бир туруп боюнан алдырып салгысы келди, бирок Махмуддун өзүнө болгон сүйүүсүнө ишенгендиктен, токтоолук кылды. "Эч кимге көрүнбөй жүрүп төрөп алам, Махмудду табам, ал дагы мени издеп жүргөндүр, кайда болду экен", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Эргешбай жумушунан келип, кызына акча берип, анан отуруп тамагын ичти.

- Иштеп жатасыңбы?

- Ооба.

- Раимжан мага чалды, эмнеге айтпай баса бердиң?

- Издебейт го деп ойлогом.

- Ачык айтпайт белең, өзүм деле алып бермекмин деп жатат.

- Кантип айтмак элем?

- Мейли, ишиңди бүттүңбү?

- Ооба, эсептешип алдым.

- Болуптур, анда эртең чыгасыңбы?

- Ооба, - деген Дилбара атасына купуя таарынып алды. "Эмнеге менин үйдөн кетишимди каалайт, ошончолук эле жек көрүп калдыбы? Шайырбекке тийбегеним үчүн ушинтип жатабы, тез арада эле менден көңүлү калып, көргүсү келбей калганы кызык", - деп кабагын сала дасторконун жыйып, көнүмүш адатынча төшөк салып берип, атасын карады:

- Жатасызбы, ата?

- Ооба, кызым.

- Жакшы жатыңыз.

- Жакшы жат, кызым…

Таң заардан турган Дилбара такси кармап, шаарга жөнөп кетти. Ал азыр ыйлаган да жок, жанындагылардын кобур-собур сөздөрүн угуп унчукпай келе берди, оюнда жалгыз гана Махмуд. "Балким мага өчөшүп же таппай калып үйлөнүп алгандыр. Атам болбогондо жолугуп сүйлөшсөк мындай болбойт эле. Эми баары бүттү, төрөп балам үчүн гана жашашым керек", -деген чечимге токтолуп, өзүн токтоо кармап, алдыга карай өз алдынча кадам жасамак болду. Жеңил ойлуулук кылган жок. Кээ бир жаш кыздарчылап жеңил ойго алдырбады, тек бул тагдырдын күтүүсүз соккусун өзүнүн токтоолугу, туруктуулугу менен жеңип, жашоону жалгыз өзү баштоого бел байлады. Бишкекке келип батир издеп жүрүп, быт-чыты чыккан көчөдөгү жер үйлөрдөн өзүнчө бир бөлмө тапты. Эки төшөнчү менен өзүнө ченеп идиш-аяк сатып алды да, жашап калды. Жумуш издеп диплому менен ар кайсы мектепке барды, акыры жаңы конуштардын бириндеги мектепке башталгыч класстын мугалими болуп орношту. Мектептин директору аял болгондуктан, жакшынакай жаш кызды жумушка алды.

- Эртеңден баштап иштей бер, кызым, шаарда ким менен турасың? - деди жылуу карап.

- Өзүм эле, батирде турам.

- Аа-а, айлыгың аз болот, кантээр экенсиң?

- Канча, эже?

- Төрт миңдин тегереги.

- Боло берет, - деп жылмайган кызды директор мээрим менен карады, ойлуу жүзүнө түшүп калган майда сепкилдерин байкап:

- Турмушка чыккансыңбы? - деп сурады.

- Ооба.

- Күйөөң кайда?

- Ал… ал Москвада иштеп жүрөт, - деп кызара жооп берди Дилбара.

- Мейли, кызым, бизде мугалимдер жетишпейт, айлыгы аз деп кетип калып жатышат. Макул анда бара бер, эртең түшкүгө келип, сабагыңды башта.

- Рахмат, эже, - деп кыз чыгып кетти. Жумуш тапканына кубанып батирине келди, күндө троллейбус менен барып келсе болчудай экен, ага дагы кубанды. Ошентип өзүнүн жаңылыштыгынан улам туш болгон кыйынчылыкты жеңип, өп-чап жашоосун баштады. Атасы үйгө толгон эт-аш алып келип койсо, эч нерседен бейгам, айлыгына кийинип, жетпесе атасынан алып кийип-ичип, барга көнгөн кыз эми өзүн-өзү камсыз кылганга өттү. Мектепке барганда балдар менен алаксып калат, батирине келсе жымжырт болуп, чымындын үнүнөн башка дабыш жок. Сыртта балдардын ыйлаган же ойноп-күлгөн үндөрү угулбаса, кулак-мурун кескендей тынч. Сабагын даярдап болгондон кийин китеп окуп, сыртка да чыкпайт. Батир акысы бир жарым миң, эки айдыкын берип коюп, иштеп жүрө берди. Бара-бара ичи да билинип баратты, бирок дагы үч ай иштесе каникул болот, ошону ойлоп эс ала түшөт. "Ысыкта төрөйт экенмин, мейли кайра суук түшкөнчө чоңоюп калат", - деп ойлоп, жолдон ойногон балдарды көргөндө жылмайып алып, өзү бала жетелеп жүргөнүн элестете кыялданып жүрө берди. Күткөн убакыт келип, каникулга чыккандан эки ай өткөндө врачка көрүнүп келди. УЗИден уул экенин билип ойлонуп калды. Ошол күнү дагы батирде отуруп, бели сыздап ооруганынан ишенээри жок неме эртелеп барып көрүнсө, толгоо башталыптыр дешип, врачтар жаткырып коюшту. Түнүндө кыйналып-кысталып жатып төрөп алды. Үчүнчү күнү акушерка кирип:

- Балаңдын атын ким койосуң? - деди жылмая.

- Ойлоноюн, эже, атасы да келбей атат, өзүмдүн паспортум менен өзүмө жаздырып алсам болобу?

- ЗАГС кагазың барбы?

- Жок.

- Анда жаздыра берсең болот, жалгыз бой энемин деп, райЗАГСтан метирке аласың, биз справка беребиз, - деп чыгып кетти. Бешинчи күнү төрөтканадан чыгып, батирине келди. Күндүн ысык убагы, уулуна эмне деген ат койорун билбей абдан ойлонду. Акыры Данил деген атты таап алып кубанып кетти:

- Уулум, сенин атың Данил, уктуңбу, Данил? Биз эми экөөбүз болуп калдык, бактылуу жашайбыз, сен чоңоюп чо-оң жигит болосуң, ошондо биз үйлүү да болобуз, - деп көзүн ача элек наристени колуна алып өпкүлөп отуруп, ыйлап алды. Күнүгө сүт алып жатып акчасы калбай бараткан. Декрет айлыгына барса, бухгалтер кыз келе элегин айтты эле, аргасыз кайра келди. Ал антип турмуштун ачуусу менен бирге эле таттуусун татып, өз күнүн көрүп жүргөндө Эргешбай Раимжандын үйүнө чалып, жарым жыл өткөндө кызынын ал-абалын билмек болду. Бирок айылга кеткен бойдон келбегенин укканда чуу түшүп калышты. Анан Дилбаранын сүрөтүн толук дареги менен жарнамага берип, шаар ичинин ар кайсы жерине жармаштырып чыгышты. Бул жарнаманы капысынан Махмуд аялдамадан окуп алып, жан-дүйнөсү жараланып, эмне кылаар айласын таппай жатты. Дилбара батиринде уулу менен отурса, ошол батирлердин бир бөлмөсүндө жашаган кыз келди.

- Кел, Гуля, - деп Дилбара аны жакшы кабыл алды.

- Дилбара, мына муну окусаң, сен эмессиңби? - деп Гуля колундагы бир барак кагазды көрсөтө салганда Дилбара эңгирей түштү, бирок өзүн токтоо кармап:

- Жок, мен эмесмин, балким аты окшоштур… - деди да, кагазды кайра берди.

- Сүрөтүчү, сага окшоп турат го?

- Окшош болсо болгондур, бирок мен аяктан болбойм.

- Кызык, окшоштор боло берет экен да, - деди Гуля аны таңыркай карап, "Сүйүнчүсү бар" дегенден улам акырын чыгып этегиндеги үй телефонго чалмак болду оюнда. Ошол күнү так айтылган даректи таап, Раимжан менен Бермет күүгүмдө жете келишти. Алар батирдин эшигин ачканда эле Дилбара ордунан ыргып туруп, жалдырап карап калды.

- Дилбара, эмнеге дайныңды айтпай жүрүп алдың? - деп Раимжан Дилбараны кучактады. Төрдөгү жаздыкта тырмалаңдап ойго жаткан эки айга толо элек наристени көргөндө жүзүнөн өөп, кучагынан чыгарбай, - Эмнеге качтың, корктуңбу, уялдыңбы, садага, мен атаң чалганда гана билдим, жүрү үйгө кеттик, ушунча да бекем болосуңбу? - деди.

- Тага, мен эч жакка барбайм, тагдырымды ушул бала менен байланыштырып өз күнүмдү өзүм көрөм, - деди Дилбара мисирейе.

- Жо-ок, андай болбойт, көзүм көрүп туруп сени ушундай жашоого койо албайм, ал, Бермет, баланы көтөр, - деген Раимжан жээнин ой-боюна койбой буюм-тайымдарын жыйыштырып, үйүнө алып кетти. Бермет ага эч нерсе дебеди, баласына ороо-чулгоолорду алып берип, күндө сүт даярдап коюп, жумушуна кетет. Дилбара мектепке барып, декрет айлыгын алып, бир жылга арыз жазып койду да, көңүлү тынып жашап калды. Анын табылганын уккан Эргешбай бир күнү күүгүмдө кирип келди. Дилбара атасын көрүп, не дээрин билбей калганда:

- Кызым, сага эмне болду, бир жылдан ашык сени көрбөгөнүмө сагынып кеттим, деги аман-эсенсиңби? - деп кызын кучагына кысканда көз жашы тегерене түштү. - Апаң болгондо мындай болбойт эле…

- Ата-а, кечир мени! - Дилбаранын сөз сүйлөөгө алы келбей атасына эрээркей ыйлап жатты. Бир кезде ыйлаган баланы Бермет көтөрүп чыга калганда аны көргөн Эргешбай баарын түшүндү. Бирок үн дебеди. "Ушунусу үчүн Шайырбектен да, бизден да качкан тура" деп Зухраны негедир жек көрүп кетти. Бирок намысы жеңип, ага да билгизгиси келген жок. Ал түнү ошоерде калып, эртеси эрте Жалал-Абадга кетти. Дилбарага лам деп ооз ачпай жаздыгынын башына акча коюп кете берди. Ошол бойдон Дилбара уулу бир жашка чыкканча тагасынын үйүндө жүрүп калды. Бир күнү ал Данилди эркелетип, там-туң басып калган уулун бөлмөнүн ичинде жетелеп жүрсө, телефон шыңгырады.

- Алло, угуп жатам, - дегенде арытадан тааныш үн чыкты.

- Алло, Дилбара табылды бекен?

- Билбейт экенмин…

- Сиз кимиси болосуз? - Махмудга да трубканы алган аялдын үнү тааныш угулганы менен баланын үнүн угуп унчуга албады. Аны Дилбара да тааныды, бирок үнү дирилдей эчтеке деп айталбай көзүнүн жашы эки бетинен ылдый куюлуп, трубканы бир колуна кармап, бир колуна уулун кучактап тура берди. Данил улам трубканы талашып, апалап ыйлап жаткан.

- Кечиресиз, сиз адашып калган окшойсуз? - деди кыз эсин жыя.

- Кечириңиз. - Дилбара трубканы "түү-т, тү-үт" деген боюнча кармап туруп, эчкирип жиберди:

- Ай кудай ай, эми эмне кылам, кандай болот, мени издеген жарнаманы окуган тура, кантип айтам? - деп уулун кучактап ыйлап жатты.

Махмуд трубканы коюп койгондон кийин автоматтан чыгып, ойлуу көчө бойлоп кете берди. "Эмне, Дилбара күйөөгө чыгып алганбы, үнү ошол, баласы бар болсо керек, кантип жолугам, бир жолуксам үмүтүмдү үзөт элем. Анын бактылуу болгонун өз көзүм менен көрүшүм керек, ошондо гана үйлөнөм, эгерде жолукпасам өмүр бою издеп жүрүп өтөм" деп баратты. Бир күнү балдарын үйүнө чакырып алды:

- Силер жакшы иштебей жатасыңар, же менден жашырып жүрөсүңөрбү?

- Жок, Махмуд аке, иш болбой жатат.

- Бүгүндөн баштап мага жумасына беш миңден берип турбасаңар батириңерди өзүңөр төлөйсүңөр, бекер үйдө жашап кашаңдай баштадыңар! - деп балдарды акырая карады.

- Жарайт, Махмуд аке, - деди Рашид шыпылдай, - буларды өзүм контролдойм.

- Сөз бүттү, качан келсеңер эшик ачык, - деп өзү менен жашап жаткан Сүйүн деген келинге кайрылды. - Балдардын кардын тойгуз.

- Азыр. - Сүйүн бышып жаткан тамагын алып келип астыга койду. Аларга дагы үч бала кошулган, тамактанып алып түндөп кетишти. Кечки унаадагы тыгылышта алар жолдуу болушту, ары-бери түртүшүп жатканда бир келиндин сумкасынын сыдырмасын акырын ачып, Рашид байкатпай капчыгын сууруп алды. Анысы абдан калың эле, анткени ал күйөөсү Россиядан салган акчаны банктан жаңы эле алып келаткан. Рашид дароо балдарына: "Түштүк" деп үн салды, элдин ичинен ар бирин чакыра албай. Ал унаадан түшүп калып, башкасын күтпөй батирге келип капчыктагы акчаны санаса, беш миң доллар бар экен:

- Бул биздин насибибиз, Махмуд акеге беш миңин берсек калганы бизге жетет, - деди да, жүз элүү долларды бөлүп коюп, үч миңин өзүнө калтырып, калганына жүз доллардан берди. - Бул олжо ичиңерде болсун, эми аны менен эсептешпей койсок да болот, батирди дагы эки-үч жылдай төлөп турса, биз чогултуп бир үй алабыз, макулбу?

- Ооба, - дешти балдар. Рашид жыйырмага чыгып калган, көптөн бери Махмудга азыраагын берип, чөнтөкчү балдарды өзү башкарып жүргөн. "Эмне экен, мен дагы адам болушум керек, үй алам, үй-жай күтөм, адамча жашашым керек" деп ойлоп, Махмуд менен сый гана болууну ойлонду. Махмуд да бул кезде жөн жатпай акча чогултуп бир имаратты көздөп жүрдү, анын сатыла турганын укканда телефондон сурады эле, акчасы жетпей турганын билип трубканы коюп койду. "Ал үчүн дагы бир жыл жыйнашым керек экен", - деп улутуна Дилбараны ойлоп кетти. "Кайдасың деги, турмушка чыгып бактылуу болгон болсоң, тынчыңды албайт элем, өзүмдү да жашоого жакшыраак кароого даярдамакмын, деги кайдасың?" - деп ойго бата шыпты карап жатканда Сүйүн жанына жатып, мойнуна оролду.

- Махмуд.

- Ийи.

- Качан үйлөнөбүз?

- Үйлөнүү жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз.

- Баары бир үйлөнүш керек да, ата-энем укса эмне дейт?

- Өзүң жооп бересиң.

- Сен эмне убактылуу эле жашагың келеби?

- Ооба.

- Жинди, тамашаңды койчу, эгер боюма болуп калса кантем?

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Сүйүшпөгөндөр балалуу болушпайт.

- Сен мени сүйбөйсүңбү?

- Сүйөм деп качан айттым эле?

- Койчу, Махмуд, мен сени жактырганымдан сени менен бирге жашап жатам го?

- Анда бара бер, - деди Махмуд жаткан калыбынан козголбой.

- Жүрөгүң жок, мерезсиң, Махмуд, а мен сага бүт тулкумду эле эмес, жан дүйнөм менен берилип, өзүмдү сендик кылып жашап жүрсө. - Сүйүн аялдардын көнүмүш адаты болгон ызакорлугу, жумшактыгын карматып, ага дагы жакындай жатып колун арта салды. - Сени сүйүп баратам, Махмуд!

- Токтот сөзүңдү! - деп Махмуд аны ары түртүп тура калды. - Сен мени антип азгырып алам деп ойлобо, мен баары бир сени сүйө албайм, муну сага башында эле айткам. Андай оюң болсо үмүтүңдү үз, жашаганга гана үй керек болсо жаша, болбосо эртең жолуңа түш! - дегенде Сүйүн томсоруп отуруп калды. Ал ыйлабады, болгону таанышкан күнүн эстеди. Шаардан үй алган күнү Махмуд айылдык классташы экөө бир кафеге барып, жакшы аракты коюп алып тамактанып отурушканда аркы коңшу үстөлдө жалгыз кыз отурган. Махмуд жанындагы Жанатты карап, көзүн кысып койду:

- Тиги сулуу жалгызсырап калыптыр, алып келбейсиңби?

- Урушуп койсочу?

- Урушпайт, балким бирөө жарым чакырабы деп күтүп жаткандыр… - деп мыйыгынан жылмайды Махмуд. Жанат ордунан туруп барып, келинге эңкейе:

- Сулуу, эгер эриксең биз менен отур… - деди эле, келин аны бир карап алды:

- Рахмат.

- Куру рахматтын кереги не, жүрүңүз.

- Болуптур, - деп алдындагы ичип жаткан кофесин алып, алардын жанына келди.

- Салам!

- Салам, сулуу кыз, зерикпедиңизби? - Махмуд жылмая карады. - Отуруңуз, мархамат.

- Рахмат.

- Адегенде таанышып алалы, менин атым Махмуд.

- Мен Жанатмын.

- Менин атым Сүйүн.

- Оо, анда таанышып да алдык, - деген Махмуд официанты чакырды. - Дагы бир тамак алып келиңизчи!

- Жарайт, - деп официант кыз тез эле тамак көтөрүп келди. - Аш болсун!

- Рахмат, - деп Махмуд ага кичипейил баш ийкей Сүйүнгө карады. - Биздин сыйыбызды кабыл алыңыз, Сүйүн.

- Рахмат - деди ал Махмудду жылмая карап. Ал бул турушу менен негедир ойго чөмүлүп кетти: "Кайда иштейт болду экен, кызматчыдай түрү бар, келбеттүү да тура". Көпкө ар кайсыны сүйлөшүп, эки бөтөлкө аракты аз-аздан алып отуруп түгөткөн соң кафеден чогуу чыгышты.

- Сиз кайда? - Махмуд Сүйүнгө карады.

- Мен Ак-Өргөөгө барам.

- Биз менен барууга көңүлүңүз жокпу? - Махмуд сынай карады, анын эки колун чөнтөгүнө салып керсейип турганы келинди сүрдөтүп турган.

- Жок-жок, үйгө барышым керек.

- Күйөөңүз күткөн жокпу?

- Жо-ок.

- Анда биз менен барыңыз, унаа токтоп калды, таксиге барып келчи, Жанат, - деп Махмуд андан жооп күтпөй эле такси келээри менен Сүйүнгө карады. - Отуруңуз.

- Рахмат, - деген Сүйүн таксиге түшүп, Махмуддун үйүнө келди. Ошол күнү алар Жанат өз үйүнө кеткенден кийин бирге болушту. Дал ошол түнү махабат оюнуна чөмүлүп жатканда Махмуд ага баарын айтып берген, анан:

- Сүйүн, сен мени түшүн, экөөбүздүн ортобузда эрди-катындын бири-бирине жасаган мамилеси болбош керек, качан кетем десең жолуң ачык, мен сени аялдыкка албайм, - деген эле. Андан бери бир жылдан ашты, мамилеси жакшы, бирок эч качан аны сүйөм деп айткан эмес. Ушуларды ойлонуп отурган Сүйүн: "Акыры бир күнү сүйүп кетет деп болгон күчүмдү жумшадым, өзгөрүлгөн жок, өмүрүмдү өткөрүп жүрө бербей мен дагы өз бактымды издейин", - деген чечимге келип, эртеси эрте туруп кетип калды. Махмуд ага кайгырган жок, Дилбараны кайдан табуунун аргасын таппай жүрдү. Билинбей дагы жарым жыл өтүп кетти. Дилбара мектепке кайрадан иштей баштады. Ал мурункусунан бир аз толуп, ого бетер көздөрү жайнап сулуу келинге айланган. Дем алыш күн болчу, сууктун күнү. Данил басып калган, айлыгын алып, уулун көтөрүп, парк жакка жөнөдү. Балким Махмуд көрүнүп калабы деп көздөрү көптүн арасында. Данил Махмуддун эле өзү болуп баратат. Чала-була сүйлөп калган уулу жерге түшөм деп ыйлаганынан карда сыйгаланып жыгылбасын деп абайлап жетелеп келаткан. Бир убакта өзүм басам дегендей чырдап апасынын колун түртүп, жүгүрмөк болуп баратып жыгылып түштү. Дилбара жетип эле уулун жерден ала коюп өйдө боло маңдайында турган Махмудду көрдү…

Эмне кылаарын билбей калган Дилбара уулун бооруна кысып басып кетмек болгондо жигит алдын тосо:

- Бул сиздин балаңыздыкыбы? - деп жылмая упчуну сунду.

- Мм… ооба, рахмат сизге, - деп келин көзүн ала кача басып кетээрде:

- Дилбара! - деген Махмуддун үнү аны тык токтотту. Данил чырылдап жерге басам деп тырмышат, аны бекем кучактап алган Дилбаранын көзүнүн жашы көлдөдү. Ары караган бойдон туруп калды. - Дилбара, бир мүнөткө…

- Кандай сөзүң бар, Махмуд? - Буулуга араң сурады келин.

- Бир ооз эле.

- Угуп жатам.

- Эмнеге менден качасың?

- …?

- Мен сени өмүрүм өткөнчө издөөгө өзүмө-өзүм ант бергем.

- Болбогон сөздүн кереги не?

- Ырас айтам, мен сенин алдыңда күнөөлүү элем, жаштыгым, жалындаган махабатым сени өмүр бою бактысыз кылып койдубу деп күнөөмдү сезем, сенден бир гана ооз бактылуумун деген сөз уксам гана жаным жай алышы мүмкүн. - Ал маңдайына келди, Дилбардын көзүндөгү мончок жашты көрүп чыдай албай кетти. Дилбара көзүн чылк жумуп, тиштенип алган. - Мен сени жоготуп алдым, сени менен бирге асыл максат, аруу сезимим кошо кеткендей дүйнөдө жападан жалгыз калдым, Дилбара?! - деп баласы экөөнү бирге кучактап калды. Баятан бери чырылдап ыйлап жаткан Данил экөөнү алмак-салмак карап:

- Ата-ата, а-аа, ата-а, - деп апасын быйтыйган колдору менен чапкылай берди. Дилбаранын сүйлөөгө чамасы келбей акырын гана Махмуддун кучагынан бошонду. Аялдамага жетип, маршруткага түшүп жөнөдү. Махмуд анын артынан түшүп, арт жагына өтүп отуруп алды. Дилбара Раимжандын үйүнө жеткичекти үнсүз ыйлап келе берди, качан гана өзүнө тааныш аялдамага келгенде:

- Токтотуп коюңузчу, - деди ордунан тура. Ал түшөөрү менен Махмуд кошо түшүп артын карабай кетип бараткан Дилбараны акмалап, көп кабаттуу үйгө кирди. Ал Дилбара кирген квартиранын номурун көрүп алып, үйүнө кайтты. Бир ооз сөз айтууга жарабаганына таң калды, "Демек бактылуу эмес, күйөөсү начарбы, же кыз эмес келдиң деп урат чыгаар. Жо-ок, мен Дилбараны эч кимге кор кылбайм, анын ар бир тамчы көз жашы үчүн жооп беришим керек, ал күнөөлүү эмес!" - деп ордунан тура калды. "Мен үчүн ал жабыр тартышы керек эмес!" - деди муштумун түйө. Бирок өзүн токтотуп эртең бармак болду. "Ал үйдө күйөөсү менен турат окшойт, баласы басып калыптыр, турмушка качан чыкты экен, балким жоголгондо тийгендир", - деп ойлогон оюна, суроолоруна жооп табалбай жинди болуп кете жаздап таңды атырды. Бала кезинен үйгө жолобой уурулук кылып жүрүп өскөн менен абдан адамгерчиликтүү, боорукер эле. Айткан сөзүнөн кайтпаган көйгашка мүнөзү бар.

Экинчи класстар эртең менен окугандыктан, Дилбара эрте кеткен. Эшиктин коңгуроосу чырылдаганында Бермет ача койсо, босогодо Махмуд турат. Аны тааныбаган Бермет бутунан башына чейин бир чолуй карап: "Бул адашкан неме го" деп ойлоп ийип:

- Ким керек эле? - деди.

- Дилбара ушул үйдөбү?

- Аа-а, ооба-ооба, - деп Бермет шашып калды, бул зыңкыйган жигитти анын жигити го деп боолгоду. - Ал мектепке кеткен.

- Сизден бир сөз сурасам мүмкүнбү?

- Сурай бер.

- Ичкериге кирип сурасам кантет?

- Аа-а, макул, кире гой, - деп Бермет эшикти чоң ачып, Махмудду ичкери киргизди.

- Кечиресиз, Дилбара бул үйдө ким менен турат?

- Дилбара биз менен турат, күйөөм анын апасы менен бир тууган эле, апасы өлгөндөн кийин атайын чакырып алганбыз.

- Дагы бир суроо, күйөөгө чыкканбы?

- Эмне дешимди да билбей турам, булардын сага кандай тиешеси бар?

- Мааниси өтө чоң, эжеке, баласы канча жашта? - деп Махмуд Берметке жалооруй тигилди. - Мен үчүн дагы, Дилбара үчүн да маанилүү.

- Демек, маанилүү дечи? - Бермет ойлонуп туруп калды, анан бир тынымдан кийин, - Жүрү, жай сүйлөшөлү, - деп ашканага киргизди. - Адегенде бир чыны чай ич, ашыкканда не? - Чай куюп сунду. Ошол кезде ички бөлмөдөн Данилдин ыйлаган үнү угулду. Бермет барып аны көтөрүп чыкты. Эми гана баланы жакшылап карап, өзүнө окшош экенин байкаган Махмуд таңгалганынан чыныны кармаган бойдон оозун ачып отуруп калды. - Эми өзүң жөнүндө айтчы, Дилбараны кайдан тааныйсың? - деп Бермет баланы алдына ала отуруп, колуна нан карматты.

- Мен Дилбараны башынан тааныйм, эже, - деп Махмуд баладан көзүн албай болгонун айтып берди. - Кийин уксам Дилбарага үйлөнбөй эле башкага үйлөнүптүр, ошондон бери издеп таппай жүрөм. Кечээ жолугуп менден качып кетти, мен күйөөсү болсо керек деп ойлогом. Көз жашын көрүп түнү менен уктай албай чыктым, - деди да, баланы телмире тиктеди.

- Ошондой де, Дилбараны биз бул жактан билимин өркүндөтсүн деп чакырганбыз. Келгенден кийин бир айга жетпей эле кусуп калды, ооруп калган экен деп карап жатсак бир күнү айылга кетип калыптыр. Тим койдук, кийин атасы жарым жылдан кийин чалып, Дилбаранын акыбалын сураганда билдик. Көрсө, акча алып эле кайра келиптир, ошол бойдон балалуу болгондо батиринен алып келгенбиз, эч кандай күйөөгө тийген жок, - деп батирин сүрөттөп берди. - Ошондой акыбалда жашап, баласын багып жаткан экен, жарнама аркылуу бизге ошоерден бирөө таап берди.

- Мен акмак, акмакмын! - деп башын мыкчыган бойдон үйдөн чыга жөнөгөн жигиттин атын сурап калбаганына өкүнүп калды Бермет, бирок тааныбаса да сыртынан жактырып турду. Анан Данилди отургузуп, алдына оюнчуктарын берип атып, эмелеки жигитке окшош экенин байкады:

- Демек баланын атасы ошол экен да, окшоштугун кара. Эй, бала, атаң силерди издеп жүрүптүр бечара. Адамгерчиликтүү жигит экен, абийири чыдатпады окшойт, - деп өзүнчө сүйлөнүп алды. Ал шаардагы бир банкта иштечү, отпускага чыгып убактылуу үйдө отургандыктан, баланы карап аткан. Раимжан акимчиликте иштейт, анын колу бошосо курортко барышмак, бирок ал бошобой атат.

Махмуддун ушул ирет көзүнөн жаш чыгып, кетирген катачылыгынын айынан Дилбараны ушунча азап салганы жүрөгүн мыкчып жатты. Борбордук паркка келип барга кирди, сыра алып ичип, эмне кылаарын билбей көпкө отурду. "Эми мени Дилбара кечирбейт", - деп улам сыра иче берип, түш оогондо үйүнө кызуу келди, кирип эле үстөмөнүнөн кулады. Ошол бойдон таң атканда ойгонду, башы зыңгырап өйдө туралбай, тамагы кургап суу ичкиси келет. Ордунан козголуп эптеп туруп караса, суу да жок экен, кайра жатып алды. Кечээги окуяларды эстегенде дароо ыргып турду. "Мен уулум менен Дилбараны алып келишим керек" деп, кийимин которунуп алып сыртка чыкты. Ооруп турган башы заматта басылгансып камокко жетип суу алып ичти, кайра келип катылуу жердеги акчадан алып, бир чоң машина жалдап, базарга жөнөдү. Үй эмеректерин сатып алды. "Дилбара кандай эмеректерди жактырат болду экен?" -деп кабатырлана эки бөлмөгө ылайыктап жүктөп алып келди. Анан кайра барып, үй жыйнаганга эки аял жалдап келип актатып, жууп-тазалатып, сатып алгандарын орду-ордуна койдурду. Атайын чоң эки кишилик керебет алган. Анын туура жагына келиштирип чекесин кооз рамага салып күзгү илдирди. Үйү эки бөлмө, кире беришинде чакан верандасы бар. Босогосуна чейин килем төшөп, баарын даярдады да, дем алыш күнү атайын баягы телефонго чалды. Бул кезде Раимжан менен Бермет Ысык-Ата курортуна кетип, Дилбара уулу экөө эле калган. Телефон чырылдаганда алып:

- Алло, саламатсызбы? - деген Махмуддун үнүн угаары менен трубканы койо салды. Андан кийин кайра-кайра чырылдай бергенинен зымын сууруп таштады. Жооп алалбаган Махмуд дароо эле үйүнө бармак болду. Ал келип звонокту басканда эч нерсе оюнда жок Дилбара ачып жиберди, анын келип каларын кайдан билиптир, Бермет да эч нерсе деген эмес.

- Махмуд?..

- Кандайсың, Дилбара?

- Жакшы, эмнеге келдиң?

- Келдим, мен уулум экөөңөрдүн алдыңарда күнөөлүүмүн…

- Эмне дегиң келип турат, уул меники гана!

- Билем, ызаң тарай элек, балким мени душманыңдай көрүп турасың, бирок, Дилбара, мен деле силерден кем эмес азаптандым, - деп Махмуд үйгө жоопсуз кирип, эшикти жапты. - Кана, уулум, келчи мага, - деп колун созду эле, Дилбара баланы алып ички бөлмөнү көздөй басты:

- Махмуд, өткөндү эстетпей кетип калчы!

- Эгерде мени сүйбөсөң, Шайырбекке отурбай эмнеге баса бердиң?

- Махмуд!

- Диля, мен баарын уккам, атаң сени менден ажыратыш үчүн түн ичинде ала качтырган, Шайырбектин сени өлүп калбасын деп жеткирип келгенин да билем, ошондон кийинкиси мага табышмак… - деп Махмуд артынан бөлмөгө кирди. - Күнөөлүүмүн, экөөбүз тең жаштык кылдык, мынчалык болоорун сүйүүнүн жалындаган отуна какталып турган экөөбүз тең сезбедик…

- Эмне кыл дейсиң, Махмуд? - Дилбара буулуга үн катты.

- Сүйүүмдү кайрып бер, жүрөгүмө баягыңдай жаркылдап жүрөгүң менен кирип кел, Дилбара, эки жүрөктү кошуп бир адамга айланалы, сүйүүбүздөн төрөлгөн айыпсыз наристебизди бирге тарбиялайлы, - деп Махмуд чөгөлөй калды. - Келчи, махабатым менин, аруу сүйүүм, келчи мага, өткөн үчүн кечирип кулачыңды жайчы, ак куунун канатындай аппак салааларыңды мойнума оролтуп, жыпар жытыңдан жыттатчы! - дегенде Дилбаранын көз жашы жаагынан ылдый тоголонуп не кылаар айласын таппай дирилдей ага жетип кучагына бой таштады.

- Берекем, сени таппай бул өмүрдөн так өтөөрмүн дечү элем, эми арманым жок! - Алар кучакташып ыйлап жатканда Данил келип:

- Ата ээ, ата, апа, бу ата ээ? - деп чулдурай экөөнү тең тыпыйган манжаларын бүктөп алып сөөмөйүн чычайта сайгылады. Махмуд Дилбарага кошуп аны да кучагына кысып өпкүлөй берди. Ошентип канчага турат эле, эшиги чырылдап калбаганда. Дилбара чочуп кетти, босогого жетип:

- Ки-им? - деди ачпай.

- Мен эле, Дилбара, Бермет эже барбы? - деген коңшу келиндин үнү угулду.

- Аа-а, алар келе элек, - деп жооп берди Дилбара. Ыйлагандан кызарып чыккан көзүнөн уялып ачкысы келген жок. Уулун көтөргөн Махмуд анын алдынан чыкты.

- Диля, көрчү уулумдун өзүмө окшоштугун, сага өмүр бою ыраазымын, жаным, ушунчалык сагындым, - деп ашыгын кучактап өпкүлөп жатты. Бойлошуп турган бойдон өбүшүп жатканда Данил экөөнү моюндарынан кучактап алып чулдурай берди. Сүйүүнүн керемети кандай гана күчтүү, бири-бирин издеп, бири-бирин ойлоп өткөргөн азаптуу күндөрү, уйкусуз түн терметкен көңүлсүз сааттары ушул мүнөттө эч нерсе болбогондой, жаңы гана көрүшүп тургандай, махабаттын отсуз куйкалаган илебине сымаптай көлкүп турушту.

- Апа-апа…

- Уулум, ата деп койчу! - Махмуд Данилди эки ууртунан чоп-чоп эттире өөп, колтугунан өйдө көтөрдү. - Кана ата, ато-ов деп койчу!

- Ато-ов! - деп култуңдаган наристени бооруна кысты:

- Алтыным, уулум менин, силерди таппай жинди боло жаздабадым беле, кандай гана кубаныч.

- Мен билбей калдым, боюма болуп калаарын түк ойлогон эмесмин…

- Ооба, жаштыктын айыбы, сен экөөбүздө да күнөө жок. Жаштыгыбыз болуп калды, мен деле кайдан ойлодум дейсиң, адеп көргөндө сени күйөөсү бар экен деп ойлогом… - Махмуд келгенин айтсамбы же айтпасамбы деп эки анжы болду.

- Анан?

- Анан сенин тайкеңдикинде тураарыңды билдим.

- Кимден?

- Ушул үйгө келип кеткем, Дилбара, мен абдан кыйналып, алтургай баламдын өзүмө окшоштугун ошондо байкадым. - Экөө андан кийин аркы-беркини сүйлөшүп отурушту, көптөн кийин Махмуд: - Уулум экөөңөрдү күтүп, үйүм аңгырап бош турат, - деп баласына манеж албаганына өкүнүп алды.

- Каерде? - Дилбара чочуй сурады.

- Шаардын ичинде, Ош базарга жакын үйлөрдөн алгам, силерди алып кеткени келдим, Дилбара.

- Тагамдар келгиче бара албайбыз го?

- Жо-ок, барып бир көрүп келгиле, кайра жеткирип койом.

- Болуптур, көрсө көрүп келебиз ээ, Данил? - деп Дилбара уулун карай жадырап күлүп койду.

- Кеттик, - деди Махмуд.

- Бирдеме ичели.

- Жо-ок, бүгүн биз чогуу жакшы кафеден тамактанабыз, келе ооз тийейин.

Дилбара нан ооз тийгизди да, кийинип чыга калды.

- Кеттик - деп күлө карады, уулунун бут кийимин кийгизип жатып. Үчөө жетелешип сыртка чыгышты. Махмуд такси кармап, уулун өзү алдына алып отурду. Тез эле жетип үйүнө келген соң эшигин ачкан Махмуд:

- Кана, уулум, жолду өзүң башта, - деп Данилди алдыга киргизди эле, ал тамтаңдап кирип кетти. - Кана эмки кезек сизде, өзүңүздүн үйгө кош келипсиз! - деп Дилбарага жылмайып колун үйгө карай жаңсады. - Кириңиз!

- Рахмат! - деп келин күлүмсүрөй үйгө бут койду, ичин көрүп абдан ыраазы болду, креслого отуруп көрүп ойноп жүргөн уулун карап, кубанып алды:

- Данил, каякка келдиң, балам? - деп күлүмсүрөй сураганда Махмуд уулун көтөрүп ала коюп:

- Уулум өзүнүн үйүнө келди, атасына келди, кана, уулум, ата деп койчу? - деп Данилди өпкүлөдү. - Кана, апасы, уулумду карачы, мага окшош бекен?

- Аябай окшошсуңар, Даки, Даки, атаң бекен?

- Ийи, атам да, - деп чала-була айтканда экөө тең эки ууртунан өөп, маңдайлары тийишип күлүп калышты. Ушул учурда булардан өткөн бактылуу адам жок болчу, андан кийин ээрчише сыртка чыгып, короону кыдырып көрүштү.

- Диля, үй жактыбы?

- Жакты…

- Особняк эмес дечи, бирок сени издеп жүрүп, ушул үйдү алдым. Күнү-түнү ойлогонум сен, кээде жөн эле көчө таптап эл ичинен сени көрүп калчудай болуп карап жүрүп кечинде келем, - деп Дилбараны колтугунан кыса өөп койду. - Балам экөөңөр үйгө келсеңер машина алам.

- Ыраспы?

- Ооба, бир өзүмө кереги эмне деп көңүлүм келген эмес. Сенин абалыңды ойлосом, жанымды койорго жер таппайм, ичкеним ирим, жегеним желим болуп, апама бир-эки жолу зорго бардым. Үйлөнсөң боло дегенинен унчукпай баса бергем.

- Махмуд, - деди Дилбара аны карай.

- Оов, жаным!

- Атамдан корком.

- Эмнеге, уулубуз турганда эми эчтеке дей албайт.

- Билбейм, атам дагы эле макулдугун бербей койобу деп корком.

- Эмнеге, Диля, мен жакшы эле үй-бүлөдөнмүн, апам белгилүү актриса, элден эмнебиз кем?

- Түшүнбөйм, Махмуд, көрөсүң го ал дагы каршы чыгат, - деп Дилбара улутунуп ийгенде Махмуд анын мурдунан чымчый күлө карады:

- Көйнөгүңдү уй жесин.

- Мен өз тагдырымдан качайын деген элем болбоду, сени да капа кылбай бешенемден көрөйүн деп ойлогом. Эмне ою бар экенин билбейм, каршы чыгаарын сезип эле турам…

- Эч кабатыр болбо, атаңды ийите турган жол табабыз, - деп кайра үйгө киришти. - Нан ооз тийгиле, эми бир жерге барып тамактаналы, өз үйүңөрдөн даам сызбасаңар болбойт, - деп Махмуд кубанычы койнуна сыйбай бакылдап жатты. Бир аздан кийин ээрчише Данилди жетелеп, жакын жердеги кафеге келишти. Махмуд толгон тамак-ашты заказ кылып коюп, Дилбаранын колунан кармап өөп:

- Эми сенден эч качан ажырабайм, өлүм гана ажыратпаса эч ким ажырата албайт, - деп уулун алдына алды. - Мен бул күндү такыр элестете албай калгам, Диля, кудайдын барына эми ишендим, күнү-түнү ойлоп азап тартканымды билди, сени ойлогондо көзүмдөн жаш кандай акканын сезбей да калчумун…

- Махмуд, мен көргөн күндү айтуунун кажети канча, ошол бойдон эч кимге көрүнбөйүн дедим эле…

- Жок-жок, айтпа, жаным, аларды укканда өзүмдү кечире албайм деп жинди болуп кете жаздадым. Диля, айтчы, качан алып кетейин? - деп эңкейе калып сураганда Дилбара эмне дээрин билбей көзүн ала качты. Ал атасынан коркуп турган, ушул азыркы бактылуу учуру кара түнгө айланаарын ойлогондо заманасы куурулуп отурган. - Айтчы, Диля, сен айткандай кылайын, уулубузду алып ЗАГСка баралы, тойду ойдогудай өткөрөбүз, баары бар.

- Махмуд…

- Айта бер, жаным, бүгүн сени гана угам, уулум экөөңөрдү укпаганда кимди угам?

- Махмуд, мен азыр айталбайм, тагамдар келсе аларга айтып, кеңешпесем болбойт, атамды ошолор ийге келтириши мүмкүн.

- Макул, жаным, ушу көрүшкөнүбүзгө да жетине албай турам, бир сени ойлоп башым катып жүргөндө мага кичинекей белекти кошо таап бергениң канчалык кубат, - деп алдыга келген тамакты жылдырды. - Кел, жаным, тамактаналы, бүгүн бир тойгондой болоюн, - деп тамактан кашыкка сузуп, уулунун оозуна алып барды. - Кана, уулум, жеп койчу, - деп жетине албай жатканын Дилбара карап туруп жылмайып алды. Мурун Данил башка адамга такыр барчу эмес, наристе сездиби, чочуркагандын ордуна көтөрүп жүрсө кайра "аталап" жатканына таң каласың. "Наристе билет деген чын окшойт, көргөндөн аталады, кудайым ай, атам ушуну түшүнөөр бекен", - деп ичинен сыза тамак жеп атып, Данил менен алек болуп отурган Махмудга ыраазы болду. Кеч чыгышты, Махмуд кафенин жанындагы таксилердин бирин айдатып келип, жаңы тапкан үй-бүлөсүн Жалдагы көп кабат үйлөрдүн бирине жеткирди.

- Махмуд, эми сен бар, бизди калтыр, коңшулар көрсө кеп кылат, тагамдар укса, эмне дешет, - деп келин тартынып турганын билдирди.

- Макул, жаным, мен кетем, бир аз уулумдун жанында болууга уруксат бер, - деди Махмуд. - Уруксат этесиңби?

- Макул, кеч калба. - Дилбара көзүн сүзө эркелей карады.

- Мен уулум менен бир азга эле ойноп алайын. - Махмуд аны көкүрөгүнө кысып кулагына шыбырады. - Жүрөгүм кудум биринчи сени менен таанышкандагыдай ээлигип туруп алды, сенден сүрдөп турам го?

- Чынбы?

- Ананчы, - деп ого бетер кыса кучактаганда кыткылыктап күлгөн Дилбара:

- Данил көрүп жатат, - деди.

- Мейли, уулум атасынын сагынганын билет.

- Бирөө келип калсачы?

- Келе берсин, жоготконумду тапканыма кубанып турганымда эч ким көзүмө көрүнбөйт…

Эргешбай үйүнө келип, эшигинин алдындагы бактардын жалбырагы түшүп, кышкы аязда арбайып-тарбайып турганын карап, "Кыш да өтүп баратат, мен да картайдым, балдар болсо өзү менен өзү. Дилбаранын багы кем болуп калды, аны баласы менен алып келип алайын, эрмек болушат, эми аякка койгондо болбойт" деп ойлонуп алды. Үйлөнгүсү да келбей калган. "Элүү беш жашымда үйлөнүп эмне кылам, менин курагымда баласы жоктор эле аял албаса" деген ойго токтоду. Анан үйгө кирип, бирдеме жасап ичти, жалгыздык азабын эми түшүнгөндөй болду. Дилбара экөө отуруп кобурашып тамак ичкендерин эстеди. Дилбараны алып келмек болуп жатып калды. Эртеси театрга келип, директорго кирип жооп сурап, бат эле чыкты. Дал ушул күнү Махмуд тартуу, белек-бечкеги менен Раимжандыкына келип кеткен. Раимжан аны көрүп, ичи жылып калды. Махмуд кеткенден кийин:

- Тың бала экен, жүнү тирүү, жээним, сени кор кылбайт, - деди эле Бермет аны коштоду.

- Ооба, дурус жигит экен, өткөндө келгенде эле байкагам.

- Качан келди эле? - деп Дилбара сурап ийди.

- Диля, адамды өтө кыйнай берген болбойт, бечара бала абдан издептир, айтышына караганда шаарга сени издеп келген экен.

- Андай болсо жездеме кеңешип тезинен үйлөнтүш керек, баласы турса, экөөнү эки жакта саргайтканда эмне? - деп Раимжан бапылдаганда Дилбара чочуп кетти:

- Жок-жок, атам баары бир макул болбойт.

- Эмнеге? - Экөө тең аны карап калышты.

- Билбейм, бирок каршы, ошондуктан атамдан корком.

- Андай болушу мүмкүн эмес, жездем деле түшүнүктүү киши го?

- Жалгыз кызынын бактысын ойлосо, анте койбос, балаңар дагы турат, - деп Бермет да ойлонуп калды. - Балдардын келечегине балта чапкан ата-эне азабын тартпай койбойт.

- Менин жээним бактылуу болушу керек, эгерде ал каршы болсо мен өзүм сүйлөшөм, такыр болбосо өзүм уруксат берем, коркпо, жээним. Атаң каршы болуп тарткан азабың жетээр, сенин тагдырыңды өзүм чечем, - деди Раимжан жиндене. Дилбара үндөбөй калды, оюнда Махмуддун айткан сөздөрү, уулун көтөрүп алып кубанычы койнуна батпай сүйлөп жатканы көз алдына келип мелтиреп отурганда эшиктин коңгуроосу кагылды. Бермет туруп барып ачса, Эргешбай экен.

- Оо-ой кандай, келин бала, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы-жакшы, келиңиз, - деп жол бошото берди, бакылдай кирип келген Эргешбай кайниси менен учурашып Дилбараны чекесинен өөп, төрдөн орун алды.

- Келген экенсиз, жезде?

- Келдим, Дилбараны алып кетпесем жалгыз кыйналып кеттим, - деп кызын карады. - Кетели ээ, кызым?

- Жезде, Диля барбайт, мен аны күйөөгө узатам, - деди Раимжан күтүүсүз жерден, Бермет менен Дилбара аны жалт карашты.

- Кандай дейсиң? - Эргешбай чекесин тырыштыра каңырыш уктумбу дегенсип кайра сурады. - Күйөөгө дейсиңби?

- Ооба, баласы чоңоюп калды, атасы алып кетем деп жатат, кошуп бериш керек. - Раимжан эмне дээр экен деп жездесин сынай карады, ал ортодо Бермет чай сунду:

- Чай ичиңиз, жезде.

- Аа-а, мейли, ичсе ичели, - деп Эргешбай чыныны алып алдына коюп, нанга колун узаткан тейде түркүн ойлорго берилди. Дилбара туруп, ички бөлмөгө кирип кеткен. Эргешбай астындагы чайдан ууртай үнсүз бир топ отурду.

- Кана, кайним, ачыгын айтчы, кандай күйөө, кайдан экен, ата-теги ким? - деди, анан Раимжанды карай бурулуп.

- Чүйлүк эле, баласы турат, сизден кеткенден кийин экөө качып жашап жүрүшүптүр, Дилбара коркуп эч кимибизге айтпай койгон. Эми баласын жетим кылабызбы? Бири-бирин жактырышат экен, - деди Раимжан.

- Ошондой де…

- Ошондой, жезде, балдардын бактысын байлаганда болбойт. Булардын келечеги алдыда.

- Дилбара өзү эмне дейт? - деди аргасы кеткен Эргешбай.

- Өзү макул.

- Анда менде кеп жок, кызым бактылуу болсо болду, өзүнө жакканын жасасын.

- Ап-бали, жездем ушундай дейм да, - Раимжан алаканын шак чаба корсулдап күлүп калды.

- Бирок кызымды өз үйүмдөн узатам, баласын көрсөтпөйсүңөр.

- Эмнеге, бала экөөнүкү да?

- Эл эмне дейт? - Эргешбай үңкүйө отуруп калды.

- Ошон үчүн айылдан эмес бу жерден узатышыбыз керек, эч кимдин иши да жок, - деп Раимжан Эргешбайды жоошута сүйлөдү. - Тойду ресторанда өткөрөбүз, анан жээнимди жакшылап узатабыз.

- Ошондо эле билинбей калабы? - Ормойо Раимжанды карады Эргешбай.

- Жарыктык десе, ким менен кимдин иши болмок эле, биерде айылдагыдай бири-бирин аңдымай жок. - Раимжан күлүп калды.

- Жалгыз кызымды чоң той берип узатсам дечү элем, ушундай да болот экен ээ, - деп Эргешбай жер карап үңкүйүп отуруп алды. Раимжан менен Бермет бири-бирин карап жылмайышты. Дилбара ичтен угуп алып өзүнчө кубанып аткан, алтургай уктап жаткан уулун кучактап алып ый аралаш: "Биз атаң менен бирге болобуз, биз бактылуубуз, уулум, менин ырысым десе, кандай гана бактылуубуз", - деп сүйлөнүп жатты. Оо көптөн кийин Эргешбай Дилбараны чакырды эле, ал көз жашын аарчып, бир аз тартынып жүрөгү лакылдай "Эмне дейт эми?" - деп жанына келди.

- Ата…

- Отур, кызым, - деди Эргешбай кызына жанын көрсөтүп, ал тизелей отурганда: - Ушул чынбы? - деп сурады. Дилбара тагасын карады эле, ал башын ийкеди, айта бер дегени эле.

- Ата, баары туура…

- Аттиң…

- Жезде, кызың жаңы турмуш босогосун аттаганы турат, кыздын багы ачылсын деген ар бир ата-эне сиздей болуп кайгырбайт. Кызыңдын багын ойлосоң ак батаңды берип, жакшы маанайда узатышың керек, - деди Раимжан.

- Ооба, жезде, биз дагы Диляны бактылуу болсун дейбиз, ага жамандык каалабайбыз. Эгер сиз мурун каршы болбогонуңузда кызыңыз чоң той менен айылдан узамак. Эми баласы турат, пейилиңизди тазартып, нааразы болбой узатыңыз, ата нааразы болсо кыздын бактысына кедергиси тийет, - деди Бермет.

- Жо-ок, мен нааразы болбойм, кызымдын келечек-бактысы мени да абдан түйшөлтөт, ушунун бактылуу болгонун көрсөм, көөнүм тынып калмак, келиним, - деди Эргешбай ойлуу.

- Диля эми бала эмес, өз тагдырын өзү чече турган курактагы кыз, биз ага ак батабызды берип гана узаткандан башка жол жок, - деп Раимжан сөзүн улады. - Биз улгайдык, жезде, бизден кийинки балдарыбыз өзүнө түбөлүк жарды өздөрү тандоого акылуу, анткени жашоо алардыкы. Сиз түшүнүктүү эле адамсыз, ролдоруңуз аркылуу далай адамдарга акыл-насаат айтып, тарбия-таалим берип жүргөн адамсыз, жалгыз кызыңыздын келечегине балта чабууга кантип дитиңиз барган билбейм…

- Мен да кызымды бактылуу болсун дейм, Раимжан, түшүнбөстүктөр болуп кетти, эми эч кандай каршылык кылбайм, - деди Эргешбай. Көпкө сүйлөшүштү, андан кийин Эргешбай уулдары менен тойго келиш үчүн эртеси эле айылга аттанмак болду. Ал күнү конок болуп, көпкө дейре ойлонуп жатты: "Кандай неме, кайдан жүрүп аны менен таанышып калды, бу жерде бир сыр бар, мейли кызым бактылуу болуп жакшы жашаса болду", - деп өзүн алдап уктап кетти. Эрте туруп жөнөп кеткенин үйдөгүлөр билбей калышты. Дилбара мектепке жөнөдү. Ал азыр абдан бактылуу. Жүзүндө күлкү ойноп, канаттуудай сызып, ай-ааламды чарк айланып чыкчу аккуунун өзү, кийген кийими өзүнө жарашып сабагын өтүп жатты. Өзгөчө мээримдүү, жөнөкөйдө ойлуу жүргөн бул келинди көргөн мугалимдер суктана карашып, кээси өздөрүнчө күбүрөшүп жатты:

- Дилбара аябай ачылып кеткен го, буга эмне болгон?

- Ким билет, менин байкашымча бир топ күн болду.

- Күйөөм Россияда деп жүрчү эле эми келген го?

- Кайдан билдик, иши кылса жаш, ишине да так, жаштардын ишине киришип эмне кылабыз, - дешип тим болот. Дилбара көп өтпөй эле эки күнгө уруксат сурап кетти. Махмуд экөө салонго барышып, кийим тандап, андан кийин чакыруу белет даярдашты. Анан Раимжандыкына келишти. Экөөнү көргөн Раимжан менен Бермет өз баласынын бактысын тилегендей Дилбарага тымызын бак-таалай тилеп, кубанычтуу тосуп алышты. Дароо эле Эргешбайга телефон чалып коюшту. Почта аркылуу жөнөтүлгөн чакыруу белет Зухранын колуна да тийди. Бул кезде Эргешбай шашып театрдан кетип бараткан, ал кетээри менен Зухра кирип, директордон уруксат сурады.

- Сенин уулуң үйлөнсө, Эргешбайдын кызы күйөөгө чыгып жатса, деги силер куда-кудагый болгону жаткан жоксуңарбы?

- Жок-жок, балким бир күнү болоор, бирок эки башка…

- Ма-акул эми, кечикпегиле, - деп койду директор. Зухра шашып чыгып уул-келинин, эжеси менен эки кызын чогултуп, бир таксиге отурушту. Раимжандын үйүнө Эргешбай эрте эле келди. Зухралар Махмуд айткан жерге келип күтүп калышкан, ал такси менен келип өз үйүнө алып кетти. Зухра уулунун бул ишине жетине албай турду, чакан үй болсо да жасалгасына ыраазы болду, жалаң баалуу төшөктөрдөн тирелте жыйып койгонун, босогосуна чейин килем төшөлгөнүн көрүп, кубана уулун карады:

- Уулум, келиним кайда, кай жерлик?

- Көрөсүң, апа, ошондо билесиң ким экенин, бүгүн эс алгыла, - деп Махмуд жылмая Самираны карады:

- Жеңе, тамак-аш турат, газ бар, өзүңөр билип жасай бергиле.

Ошол күнү Раимжан менен Махмуд жакшылап сүйлөшүп алышты. Үйлөнүү үлпөтү өтчү ресторанга Зухраны эл келген кезде атайылап кечирээк алып келишти. Ага чейин Раимжан, Эргешбай, Бермет сүйлөп, мектептин директоруна сөз берилген. Раимжан келип, Эргешбайдын жанына отурду. Ал Махмудду мурда көрбөгөндүктөн, таанычу эмес, эки эжеси да тойдо отурду. Бир маалда тойду башкарып жүргөн тамада жигит:

- Эмесе, урматтуу коноктор, күйөө баланын бул дүйнөдөгү эң кымбат адамы, бул дүйнөгө өмүр берип алып келген апасы, белгилүү актриса эжебиз Маматбаева Зухрага сөз берели. Уул-келинин куттуктамакчы! - дегенде жанатан бери эч нерседен капарсыз отурган Эргешбай ордунан козголуп бирдеме демек болду эле, Раимжан акырын басып отургузуп койду. Өңү бир бозоруп, бир кызарып, тынчы кете дагы бирдеме дегенге аракет кылганда:

- Жезде-е, өз салмагыңызды сактаңыз, Махмуд менен Дилбаранын баласын унутпа, эгер азыр бирдеме деген сөз чыкса, Дилбараны таппай калабыз, - деди шыбырай.

- Эмнеге айтпадыңар?

- Жаштар өздөрү келишип алса, бизде эмне айып, Дилбараны таарынтып алуудан алыс болуңуз, - деди Раимжан. - Этият болуңуз.

Тиштенип, муштумун түйгөн Эргешбай башын жерге салып үндөбөй калды. Махмуд менен Дилбара абдан бактылуу болуп турду. Ушунчалык оор күндөрдү башынан өткөрүшсө дагы азыркы мүнөттө экөө тең баарына ыраазы эле. Бири-бирин жылмая карашып, колдорунда бажырайган гүлдөр, бир аз мурун эле бакыт үйүндө болуп, никеге туруп келишкен. Той аяктап, коноктор орунга отура бергенде Зухра менен Эргешбайдын көздөрү чагылыша түштү. Зухра аны ушундай бир жек көрүү менен карап туруп отураары менен жанындагыларга аралашып алаксып кетти. Ошентип той бүтүп ресторандан чыккандан кийин келген конокторду узатышып, калгандары Махмуддун чакан үйүнө келишти. Ал жерде Махмуддун достору кой союп тамак-аш даярдап жаткан. Эл жапырт үйгө киргенде Эргешбай менен Раимжан короодо калып, көпкө сүйлөшүштү, ал аргасыз кайнисине өзүнүн ички сырын ачып берди.

- Өзүң ойлосоң, Раимжан, мен эжең өлгөндөн бери Дилбараны гана тарбиялап, аз болсо да окутуп, эч нерсеге көңүл бурбадым. Акыры үйлөнөйүн дедим, Зухра менен сүйлөшүп, ал балдарынан чыгалбай жүргөндө мындай болуп жатпайбы?

- Жашоо - тагдыр, бул тирүүлүктө ыңаалап төрөлүп, көз ачкандан баштап пенде маңдайына чийген чийиктен сырткары эч нерсе кыла албайт, жезде. Бул тагдырга экөөң дагы баш ийбеске чараңар жок, балдардын бактысы үчүн өз бактыңарды курмандыкка чалууга аргасызсыңар! - деди Раимжан тунжурай.

- Туура-а. - Эргешбай улутунуп ийди, ушул учурда ал өз жүрөгүнүн каалоосун четке кагып, кызы үчүн баарына кайыл болууга даяр экенин сезди. Кантип өз баласынын бактысынан өзүнүкүн жогору койо алат? Экөө көпкө кечиккенинен үйдөгүлөр аларга киши жөнөтүштү. Бул убакта Зухранын абалы деле оор болчу. "Чунак балам ай, неге ушул кызды унуталбай калдың, эми Эргешбай жаңжал чыгарбаса болду, мен энемин, балам үчүн баарынан кечип коюуга кудуретим жетет, бирок Эргешбайчы, ал ошенте алабы?" - деп коноктордун арасында отурган Зухра ойго батты. Бир кезде Махмуд менен Дилбара төркү үйдөн чыгышты. Алар дагы кыжаалат болуп отурушкан эле, келе жатышат деп бири айтып киргенде экөө тең санаасы тынбай чыга калышкан. Эргешбай кирип келип, өзүн үрпөйө карап турган кыз-күйөөсүнө жылмая: - Бактылуу б

ол, кызым, бактылуу болгула! - деп адегенде Дилбараны, андан кийин Махмудду кучактап жонго таптай, - Мени кечиргиле, балдарым, ылайым колуңар кармашкан бойдон бактыңар маңдайыңардан жанып, ырыс-кешиктүү болгула! - дегенде баары: - Бактылуу болушсун!



- Үйлөнүү тойлору кут болсун! - деп чурулдап жиберишти. Зухра тура калып:

- Айтканыңар келсин, оозуңарда болсо Алланын кулагында бардыр, айтканыңар туш келсин! - деп отургандарга алкыш айтты.

- Сиздер сахна адамдары болгон соң бизге бир үзүндү ойноп бербейсиңерби? - деди Махмуддун досторунун бири.

- Ырас эле, көңүлдүү болот, ойноп бериңиздер! - дегенде экөө тең балдарын карашты, алар баш ийкеп койгондо Эргешбай тамагын кыра:

- Зухра, сен экөөбүз куда-кудагый боло албайбыз! - деди заматта түнөрө, отургандар бири-бирин карап калышты. - Мен кызымды бере албайм! - деп терс бурулду.

- Ооба, билем аны, бирок биз сүйүүнү баштан өткөргөн адамбыз, каршы болууга акыбыз жок, жаштардын оюна каршы болгонубуз менен тагдырдын жазмышына каршы туралбасыбызды жакшы билесиң…

- Баары бир бербейм.

- Эргешбай, уул-кызыбыздын уулу бар экен! - деди Зухра ошол убакта өзүн көздөй келаткан Данилди жетип ала коюп. - Биз неберебизди ата-энесинен ажыратууга акыбыз жок, ансыз дагы балдар үйүндөгү наристелер адамдардан көзү өтүп, "Менин дагы ата-энем келээр бекен?" -деп, көздөрү жайнап бейкүнөө көз жаштарын төгүп күтүү менен өсүп жатышат…

- Эмне дедиң, уулу бар дейсиңби? - деп Эргешбай бери бурулуп, экөөнү көздөй басты. - Ырас эле, биз ата-энебиз, ошондуктан балдарыбызды бактысынан айрууга акыбыз жок! - деп Зухранын колундагы баланы алып өптү. Анан экөө бирге жанаша тура калып:

Бактылуу ата-энебиз.

Уул-кызды багып өстүргөн.

Кут болсун үлпөт тоюңар.

Куттуктайбыз чын дилден.

Түбөлүк бирге болгула.

Береке таап өмүрдөн! - дешип эңкейип койгондо баары шатырата кол чаап жиберишти. Махмуд менен Дилбараны чакырышты эле, экөө экөөнү кучактап жүзүнөн өөп, жанаша турушту. Тең ортодо Эргешбай менен Зухра Данилди алып, бешөө чогуу сүрөткө түшүштү. Ошентип кырк жылы кырылышкан жоолордон болбогондон кийин Зухра да, Эргешбай да акыры ички сезим-туюмдары канчалык кабыл алалбай, жүрөгүндөгү эңсөөсүн унуталбай турушса да, тагдырга баш ийишти. Өздөрүнүн бактысынан балдарынын келечегин жогору коюшту. Сыртынан жадырап-жайнап эл ичинде бактылуу болуп турган менен өкүнүчтөрү жүрөк мыжый тымызын канап турду. Махмуд ыраазы болуп, көңүлү толкуп кайнатасына кымбат костюм-шым, пальто, тебетей баштаган адеми кийит кийгизди. Раимжан менен Берметке, Дилбаранын эки ага-жеңесине баарына бирдей кийит кийгизди. Коноктор ыраазылыгын билдирип, кыз-күйөөгө бак-таалай каалап кайтышты. Зухра ал күнү калып калды. Уулунун ушунчалык табышкерлигине, өзүнө тың болуп, жашоого бет алганына ыраазы. Махмуд кийиттен сырткары он миң сом койду. Зухра менен Бурхан экөөнүн апкелгендери биякта эле калган.

- Уулум, мен ыраазымын, садага, турмуштун ачуу-таттуусуна чыдап, улуу-кичүүнү сыйлап жашагыла эми, - деди Зухра небересин алып отуруп.

- Апа, буйруса үйдү чоңойтуп, машина алам, бир фирма ачайын деп жатам, анан буйруса, баары өз нугу менен өтө берет, - деди Махмуд. Бурхан эч нерсе дебеди, анткени атадан калган дүнүйө менен короо-жайдын баары анда калып, инисинин өзүнчө кеткенине кубанып турган. Өзү базарда базарком болуп иштейт. Ошентип эки үй-бүлө өз ара тынышты. Дилбара бактысына тооп кылып отуруп калды. Эки күндөн кийин Зухраны да бир сыйра кийинтип, анан жөнөтүштү. Махмуд тилеги орундалып сүйгөн жары жанында, бир топ күндөн бери акыл менен сактап келген акчалары азайган. Рашиддин кийинки күндөрү өзүнө кол бербей баратканына ичтен жини келип, алар жашаган жерге барды. Кеч күүгүм эле. Рашид аны көрүп тура калды.

- Оо, келиң, Махмуд аке.

- Келдим, өзүңдүн дайның чыкпай кетти го? - деди саал кекээрлүү.

- Эки-үч жолу барып таппай калдым, сиздин энчиңизди даярдап койгом, - деп шашыла жооп айтып, тайсалдай көзүн ала качты.

- Канча?

- Элүү миң.

- Аз го, бир айдан беркиси ошолбу?

- Иш болбой жатат, милиция бизди байкап калып, зорго иштеп атабыз.

- Биротоло жүз миңди сал колума, батириңерден кеткиле, өз жашооңорду өзүңөр көргүлө, бирок абайлагыла, алды-алдыңардан түрмөнү түнөк кылып албагыла, - деди Махмуд мыйыгынан күлүп, аларга жини кайнаганы жүзүнөн байкалып турган.

- Эмнеге? - Рашиддин көздөрү жайнай түштү, ал буга кубанып кеткен эле. Көптөн бери баарын өзү тейлеп бир топ акча жыйнап алган, акча кармаган адам ансыз жашай албай калгандай эле Рашид да балдарды өзүм колго алсам деп жүргөн. Өзүнөн кичүү балдарды улам кошуп алып, участкалык милициялар кармаса алардан өзү куткарып көнүп бараткан.

- Сага тапшырдым, - деди Махмуд аны сынай.

- Махмуд аке, мен элүү миңди кайдан табам?

- Табасың, - деп Махмуд үстөлгө бутун учкаштыра отурду. - Болбосо эртең баарың базардан кетесиңер, бул базардын бир жагы мага тиешелүү болуп калды.

- Кайда барабыз, Махмуд аке? - Рашид аргасы кете сурады.

- Аны өзүңөр чечесиңер, эми чоңойдуңар, тагдырыңар өз колуңарда!

- Махмуд аке, андай дебеңиз, - Өзүм тейлейм деп жүргөн Рашид иттин ойлогону тескери чыгып, "Мунун колунан баары келет, атайылап түрмөгө тыктырып коюшу да мүмкүн" деп турду. - Элүү миңди алыңыз, кийин күндө өзүм жеткирип турам.

- Кыйшың-мыйшыңы жок иштейсиңерби?

- Ооба, жакшы иштейбиз.

- Көзүңөрдү ачкыла, пенсионерлерге, жетим-жесирге катылбагыла, жалаң жанагы чириген көпөстөрдү "сойгула".

- Жарайт, алар кайда келип токтоорун билебиз.

- Ошондой кылгыла, кана орточо канча кол берип турасың? - деп Рашидди кыя карады.

- Он кылам.

- Ап-бали, андан кемибесин.

- Кемибейт, - деди Рашид. Махмуд элүү миң сомду алып кеткенден кийин, - Эн-неңди, мунун колунан баары келет, кенедейинен өзү иштеп жүрүп, андан кийин канча баланы үйрөттү, он беш жашында милициянын көңүлүн жайлап, бирибиз түшүп калсак дароо эле бошотуп алчу, - деп жерге түкүрүнүп алды. - Мындан ар нерсени күтсө болот.

- Эмне кылабыз анан? - деди Зыпар ага суроолуу көздөрүн кадап.

- Иштешкенге кол бербедимби, демек, иштешүүгө туура келет, эгер базардын бир жагына иштесе биз аяктын "налогун" да Махмудга төлөп калабыз, акчанын алдында калат экен, - деп Рашид оозунан ашын алдыргандай отуруп калды. Махмуд аларды кыйнагысы келген эмес, анын ою фирма ачып алып, андан кийин койо берүү, себеби баарынын документи колунда болчу. Милицияга түшсө да өзү куткарат, акча деген кимди гана азгырбайт. Базарды караган милициянын баары аны көргөндө ордунан тура калып учурашат, анткени ал эч нерсе аябайт, керек болсо "жирный" обед уюштуруп, айрымдарынын колуна аз-маз акча берип койор эле. Ошондуктан Рашид андан сестенди, базарга кире албай калаарын билди. Өзү базарга соода жасап чыгып кетейин дейт, көнүп алгандыктан кете албайт, ошентип кайрадан Махмудга көз каранды. Ошол айда Махмуд өзү айткандай эле базаркомдукка жетти. Эч нерсесин аяган жок. Күнүнө өз "долясын" алып, акча топтоп машина алды. Ижарага ишкана алды, ага өзү жетекчилик кылып, андан толгон кирешелер кирип, эки жыл ичинде эки кабат үй тургузду. Ал ортодо Дилбара экинчи баласын төрөп, үйдө болуп калды.

Эргешбай акыркы окуяларга али да таңгалып бүтө элек. Зухрадан биротоло айрылып, ортолорунда кудалык гана сый орногондон кийин Гүлшанды да таштап, таптакыр башка келинге үйлөндү. Балдары түшүнүп, жалгыз калган атасын аяшты. Айткандай кылып үйлөнтүп коюшту. Жумуштары бирге болгондуктан, Эргешбай менен Зухра күндө жолугуп турат. Алардын бирге туруп сүйлөшүп калганын көргөн Гүлшан ичинен кекенип: "Шашпа, силерге көрсөтпөсөмбү", - деп, Эргешбайдын жаңы алган аялы Тотуханга жакындай баштады. Кээде жөн эле келип сүйлөшүп отуруп кетчү. Бир күнү дагы чай ичип отуруп:

- Ээ, Тотухан сиңдим, адам деген кызыкпыз да-а, - деди ага карап. - Ушу Зухра менен Эргешбай башында ойнош эле, балдары үйлөнүп алгандан кийин бир аз алыстап калышкан…

- Эже, алар дагы эле сүйлөшүп жүрүшөбү? - деди Тотухан эрин кызгана.

- Ошондой түрү бар, менин келгенимди айтпа Эргешбайга, анан сурап жүрбө. Байкатпай сырын тарт, сен али жашсың, ушуга көз каранды болуп калмак белең, керек болсо керилген жигитти таап аласың, - деп аны сынай карады. - Туура айтамбы, сиңдим?

- Туура деңизчи, бирок Эргешбай акени мен каалап келген элем, жашыбыздын айырмасы деле билинбейт, өзүм туубай ажырашкам.

- Ой, туугандар эле жыргап атыптырбы, жалтылдап кийинип алсаң, сени эмеле илип кетет.

- Жо-ок, Гүлшан эже, мен эми күйөөдөн-күйөөгө чыккым келбейт, - деди Тотухан чын дилинен.

- Аа-а, сиңди-им, эриңди сыйлайсың, бирок кылыгын өз көзүң менен көрсөң, жаныңа жолоткуң келбей калат. Кой, мен кетейин, экөөбүздүн сөзүбүз жерде калсын, сиңдим, келгенимди деле айтпа, акырындык менен көзүң ачылат, ошондо кеч болуп калабы дейм да, - деп шыпшына чыгып кетти. Тотухан отуз бештердеги келин, өңдүү-түстүү, эки күйөөгө тийип, туягы канабаган соң ажырашып үйүндө жүргөн. Атасы менен Эргешбай тааныш эле. Жумуштар менен барып калган Эргешбай Тотуханга көзү түшүп калып, жакын тууганы Жусупжанды жуучу кылып жиберип, бат эле алып алган. Тотухан жоош-момун, куулук-шумдугу жок келин. Ушу келинди алганда иштешкендери куттуктап келишкен. Ошондон бери Гүлшан келип-кетип турат. Гүлшандын сөздөрү анын мээсине уюп калды, сулуусунан келген актриса аялды кудагыйым деп тааныштырган, азыр аны ойлоп алып кызганып кетти. Кечке маал жаш аялына шашып жетип келген Эргешбай үйгө кирээри менен эле Тотухан:

- Сиз мурда Зухра менен жүрчү белеңиз? - деп жүрөгүн өйүгөн суроосун бере салды.

- Ким айтты? - Эргешбай чок баскандай чочуп кетти.

- Уктум, ойношуңуз кудагыйыңыз болгон экен да?

- Тотухан жаным, бул сөздү сага ким айтты деги?

- Уктум, бирге иштейт экенсиздер…

- Ооба, бирге иштейбиз, роль аткарабыз, экөөбүздүн жашообузга анын кандай тиешеси бар? Мен сени түбөлүккө жар кылып, жаныма эрмек кылып алдым, картайганда жалгыздыктан жапа чекпейин дедим. Андай сөздөргө көңүл бурбай жүр, - деп Эргешбай аялын кучактап өөп койду.

- Мен сиз менен бирге барсам болбойбу?

- Эмнеге, аялдын орду үйдө, эгер мурда иштеп жүргөн болсоң, ага каршылык жок, иште.

- Мен үйдүн аялымын да, эч окуган эмесмин, жөн барып көргөнгө болбойбу?

- Эгерде оюн болуп калса, сөзсүз барасың, ал эми азыр эчтеке жок, керээлден кечке өз ишибиз менен алекпиз. Кой, жаным, кардым ачты, эмнең бар, алып келе кал, - деп сөздү башкага бурмак болуп жатып, "Буга ким айтып жүрөт?" - деп ойлонуп алды. Тотухан унчукпай өз ишине киришип, дасторкон жайды, тамак алып келип, ортого койду. Ал үй ишине тыкан, абдан таза, тамакты түрлөп, даамдуу жасайт. Азыр да ашты табакка үйө салып көтөрүп келди. Эргешбай ысырапты жактырчу эмес, кызы экөөнө ченеп жасап көнүп калган.

- Чайдан алыңыз, - деп чыны сунду Тотухан.

- Ашты абдан көп баскансың го?

- Ийи.

- Биз эки адамбыз, калып калса эскирет, ысырап болот, Тоту.

- Мен үйдө көп кишиге жасап жүрүп көнүп калыпмын, - деди Тотухан акырын гана, - аз жасалганга да көнүп кетем…

- Аа-а, мейли, кеп жок, кыскасы, ысырап болбосун да. - Эргешбай беш колун салып, аштан жей баштады. - Азамат, Тотухан, даамдуу болуптур.

- Сизге жакса эле болду, - деп Тотухан наздана күлүп койду.

- Мага жакпай анан, өзүң да, кылган ишиң дагы абдан жагып калды, жаным, бир гана сураарым ушакка ишенбей жүр, макулбу? Адамдар ар кыл, бирөө көрө албай айтат, бирөө сынап айтат, аялдуу болом деп биртике кадырымды түшүрүп албайын. Зухра бизге кудагый, анын баласы менин жалгыз кызымдын күйөөсү, куда-кудагый болгондон кийин сыйлашышыбыз гана керек.

- Жарайт, бирок өзүңүз дагы этият болуңуз, - деп күлдү келин.

- Биз баарына так жүрөбүз, айым, - деп Эргешбай аны кучагына кыса өөп, колунан кармады. -Сенден суранам, эч качан аял эрин текшербейт, ар ким өзүнө гана так-таза болсо ошондо жашоо жакшы болот. Урушпай-талашпай өткөргөн өмүрдөн өтөөрү барбы? Баса, кийинки жумага кудалар алдыга түшөөрүн айтышты, экөөбүз аларды күтөбүз. Сен ошондо кызымды көрөсүң, Зухра менен сүйлөшөсүң, анан кандай аял экенин билесиң, - деп Эргешбай көп нерсени түшүндүрдү. - Эми камыныш керек, эртең эки келинди үйгө чакырам, даярдык көрө бергиле. Андан кийин биз сеп беришибиз керек, иш чачтан көп, кызымдын карызынан кутулсам, анан тынчтанып калат элек, - деп тердеген чекесин жүз аарчысы менен сүрттү. - Андан кийин сенин ата-энеңдин алдына барабыз ээ, жаным?

- Иши кылса унутпасаңыз болду, - деп келин ичилип бүткөн идиш-аягын жууп-тазалап, үйдү шыпырып, жатууга орун салды.

- Жаным, мага баш кошконуңа капа эмессиңби? - Эргешбай аялын кучактай жатып, жанталаша өпкүлөдү. - Мени жакшы көрөсүңбү?

- Ооба.

- Чын айтасыңбы?

- Ооба деп атам, и-ки, сакалыңыз сайып кетти.

- Көнөсүң, өмүр бою сакалымдын зыяны тийген эмес, аялым да өөн көрчү эмес, сен дагы көнөсүң, кийин сылагылап эркелетип турасың, жаным, - деп бүткөн боюн сылап келип, киндигине келгенде:

- Кытыгым келип кетти, - деген келиндин күлкүсү үй ичине толуп чыкты.

- Күлкүңдөн сенин, коюнумда шыңгыр күлкүсү аба жарган жаш колуктум турганда башканын эмне кереги бар, алтыным?

- Чын элеби?

- Ананчы, сенден башканы көзүм көрбөйт, жаркыным.

- Ишенбесемчи? - Тотухан колун эринин мойнуна артып алып, көзүн жумуп, ооналактап жатты.

- Кылыгыңдан, күлкүңдөн сенин, мынчалык ширинсиң, берекем. Жаш колуктунун жанында жатып, илебин жыттагандын өзү эле кандай ырахат? - деп алсыз шыбырашып, түнү бою кумардын туу чокусуна бир нече жолу чыгып, чарчаганда гана чалкасынан түшүп жатып калышты. Эртеси эрте туруп, Тотухан чакага суу ысытып, Эргешбай экөө жуунуп, андан кийин тамактанышты. Эргешбай эртелеп келин-уулдарына жөнөдү, эң улуусу Россияга кетип келбей жүргөн. Акрам менен Акбар үй-бүлө күтүп жанында. Кудаларын күтүү үчүн даярдык көрмөк. Тотухан үйлөрүн тазалап, короо-жайын шыпырып жатты. Эргешбай уулдарына жолугуп коюп, андан ары жумушуна жөнөдү. Ал келгенде Гүлшан коридордо турган экен.

- Оо кел, жаш катыныңдын койнунан чыгалбай эле жашарып калдың? - деп тийише сүйлөдү.

- Койсоңчу, Гүлшан, эми жөн жүрчү, үйлөнбөгөндө келиндердин көзүн карап жүрө бермек белем? - деп жактырбай кирип бараткан. Гүлшан болбой эле жанаша басты:

- Жаш аял алгандан кийин сүйлөшпөй да калдың…

- Күндө көрүшүп жатпайбызбы, зарыл жумуш болбосо кайдан.

- Анча эмнеге бааланасың деги, сени сүйөм деп жүрүп башкага үйлөнүп алдың, жаш аялдан жакшыраак болмокмун.

- Гүлшан, сенде да, менде да балдар бар, улгайган кезде аларга жаман көрүнгөндө эмне, токтот мындан ары ашыкча сөзүңдү! - деп Эргешбай ары басып кетти.

- Силердиби шашпа, мени Зухранын алдында уят кылып таштап кеттиң, бирди көрсөтпөсөмбү? - деп өз бөлмөсүнө кирип баратса, Зухра Эргешбай экөө сүйлөшүп турушкан экен, билмексен боло жандарына жетти. Ал барганда экөөнүн сөзү бүтүп, эки жакка бөлүнүп кетти. Ого бетер туталана түшкөн Гүлшан Зухранын артынан кирди:

- Зухра, эмдигиче мага таарынып жүргөндүрсүң, кечирип кой мени, мен Эргешбайга ишенгем, көрсө, ал акмак тура, сени да, мени да алдап жүрүптүр…

- Гүлшан, мени Эргешбай алдаган эмес, мурда сүйлөшкөнүбүздө да ошол балдар үчүн сүйлөшүп, чече албай жүрбөдүкпү?

- Ырас элеби, экөөң бирге жүрсөңөр мен ойлогом... Балдарды өз оюна койбосо болбойт да, мени кечир алың жетсе.

- Кечиргидей күнөөң жок, Гүлшан, биз коллегабыз, ишибиз бирге, тапкан наныбыз ушул ишке байланыштуу, - деп Зухра эңкейип, бир нерсе издеп, суурмасын ачып жатканда Гүлшан анын чачына такчу заколкасынын бирин акырын алып койду. Зухра дайыма узун чачын түйүп, заколка менен ар күнү ар кандай кылып кооздоп алаар эле. Аны менен кошо ачык турган сумканын ичинен көрүнүп турган помадасын алып чөнтөгүнө салды, кымбат фирманын помадасынан эле.

- Рахмат, Зухра, эркектер үчүн эрегишип айбан экенмин, чынында ушул жашымда балдарым уруксат бермек беле, кыска ойлопмун, - деп калп эле ар кайсыны айтымыш болуп көпкө турду. - Мен кеттим, демек таарыныч жок дечи?

- Эч кандай.

- Рахмат, түштөн кийин жумушум бар, - деп чыгып кетти Гүлшан.

Эргешбай кызынын камын көрүп, буту күйгөн тооктой жүгүрүп жүрдү. Белгиленген убакыт тез эле келип, кудаларын күтүп алышты. Махмуд менен Дилбара жаңы алган машине менен келишти. Зухра баласы Бурханды, эки кызын, бир кайнагасын ээрчитип, жети киши келди. Кырк миң сом, кийит-кечеден тышкары, жылкы, музоолуу уй баштап, беш куйруктуу кыргыз кой короосуна киргенде Эргешбай абдан ыраазы болду.

Өзү кудаларын тай союп коноктоп жатты, артисттерин алып келип ырдатып, чоң той кылып кыз-күйөөсүн жакшылап узатышты. Арадан бир ай өтпөй эле кызынын себин берди. Ошентип ары-бери караганча убакыт зымырап өтүп, Тотухандын ата-энесинин алдына барышты. Тотухан атасыныкында калган. Эргешбай үйүндө отурса, күүгүм талаш Гүлшан келди.

- Кайдан жүрөсүң? - деди Эргешбай аны жактыра бербей.

- Тотухан менен учурашайын деп эле келе калгам, эмне келсе болбойбу? - деп аял кашын серпе карады.

- Гүлшан, сен эми жаш эмессиң го, мен үй-бүлөлүү адаммын. Кокус аялым укса эмне дейт же турмушумду бузгуң келип жатабы?

- Сени сагындым, Эргеш, Тотухандын жогун билип, караңгылатып келдим. Сени башынан жакшы көрөөрүмдү өзүң жакшы билесиң, сагынычымды жазып кой эми, - деп сумкасын ары коюп, эркекти кучактап алды. Жыттуу атырдан себинген экен, каңылжаарын жарган тааныш жытына башы айланып баратканда Эргешбай аны аста түрттү:

- Болбойт, андан көрө кетип кал, аялымдан ажырап калгыдай алым жок, алтымышка жакындаганда кайрадан жалгыз калгым келбейт.

- Койчу эми, ким көрүп жатты эле, өөп койчу, жаным, ар убак ак денеме суктанчу элең го, денеме колуңду тийгизип, акыркы жолу бир жарпымды жазчы, жаным, - деп болбой эле көйнөгүнүн топчусун чечип, өзүнүкүн да чечип көкүрөгүнө төшүн тийгизди. Эргешбайды артка жыгып, үстүнө жата өпкүлөп киргенде: "Ырас эле ким көрүп жатты эле, байкушту бир кумардан чыгарайын, Тотухан мындай эмес, ал жаш", - деп Эргешбай өйдө болду да, салынуу төшөктү көздөй сойлоп жетип ишке киришти. Түнү бою бирге болушту, таңга маал гана шашыла кийиништи. Гүлшан кетээрдин алдында төшөгүн жыйып коймок болду эле, Эргешбай:

- Мен сени чыгарып коюп кайра жатам, - дегенде Гүлшан керебеттин алдына Зухранын заколкасын, жоолугу менен помадасын түртүп ийип, сыртка чыкты. Ал ушул үчүн гана келген болчу. Тотухандын келээр күнүн билип, анан атайылап күүгүмдө кирип, өз сүйүүсүн айтып, Эргешбайды аялы менен уруштурмак.

- Мейли, жакшы кал, менин сүйүүмдү четке кактың, жаш аялыңа караганда кумарыңды жакшыраак жазмакмын, - деп коюп короодон чыгып кетти.

- Акмак, ойлогону эле арам, - деп Эргешбай үйүнө кирип жатып алды, эшик али караңгы болчу.

Ошол эле күнү Тотухан атасынын машинасы менен көтөрүнүп келип калды. Ачкычты дайындуу жерден алып үйгө кирээри менен бир чоочун жытты сезип таңгалды. Анан баарын шыпырып-сыйрып, бир сыйра полду жууп койду. Апасы коңшуларыңа ооз тийгиз деп эт берген, бышык эти өзүнчө, чийки эти өзүнчө болчу. Чай кайнатып, эки-үч коңшусун ойноп жүргөн балдарынан чакыртып алды. Алар сүйлөшүп көп келчү эле, өзү курдуу бири:

- Тоту, баягүнү бир аялды узатып чыктың го? - деди.

- Аа-а, ал Эргешбай аке менен бирге иштейт, артистка аял.

- Ошону көп жолотпой жүр, ал аял өтө жаман, мурда келип жүрчү, - деди Салима шак эле.

- Койчу?

- Койбой эле, ал сени бузушу мүмкүн, ролдору да ошондой го? - деп күлүп калды.

- Сен жашсың, айланайын, этият болуп жүр, үй-бүлөнү уратпай алып калыш да оңой эмес. Эргешбай жакшы киши, - деди улгайган коңшусу Бүкөн.

- Адамдын бузукусу адам, - деди бири.

- Билбесем, - деген Тотухан көз алдына Гүлшанды келтирди.

- Өзүң этият бол, бирок ушак уксаң ичиңе сакта, ушунча жашка чыккан адам эмнени көрбөдү, башынан эмнелерди өткөрбөдү, өзү да артист болсо, - деди Салима чоң энедей жымыя.

- Ооба, Салима туура айтат, тиги тигинтти, бул минтти дей бербе. Эргешбай сени кор кылбайт, айланайын, келген жериңден бак таап этегиңден жалгасын, кызым, - дешип бата берип, үйдөн чыгышты. Алар кеткенден кийин керебеттин алдындагы чемодандан кийимдерин алып, жаңы кийип келгендерин салмак болуп керебет жапкычты өйдө көтөргөндө кызарып жоолуктун учу көрүндү. Аны тартып ала койсо, помада менен заколка түшүп кетти. Буларды колуна алып көпкө ойлонду. "Ушакка алданба, ичиңе сакта", - деген Салиманын айтканын эстеп: "Бул ушак эмес, далил го, кимди алып келди экен? Мен жок болсом эле минте берсе, муну менен жашап эмне кылам, көнгөн аялдары менен жашай берсин", - деп жини кайнады. Бирок бир оюу: "Эргешбайга билгизбей Гүлшанга жолук, аны ошондо эле билесиң, ошонуку", - дегенсийт. Тапкандарын унчукпай бекитип коюп, Эргешбай келгенче тамагын жасап күтүп калды. Ал эрте эле келди.

- Келдиңби, Тоту, сагынып кеттим, - деп кирип келип эле жаш аялын кучактап өөп, моюн-башынан жыттап көпкө турду.

- Ырас эле сагындыңызбы, эки эле күн болду го?

- Эки күн эмес, эки саатта сагынып кетем.

- Ким билет? - Келин көңүлсүз андан бошонуп, чайын алып келгени чыгып кетти.

- Кардым ток, андан көрө жаныма отурчу, Тоту.

- Неге?

- Коллегалар чогулуп бир тойдо болдук.

- Менин кардым ач, - деп Тотухан болбой эле дасторкон жайды.

- Сен мени сагынган жоксуңбу, Тоту? - Эргешбай аялынын көңүлсүз түрүн көрүп, "Гүлшандын келгенин коңшулар көрүп калып айтып койгон го?" - деп өзүнчө жүрөксүй түштү.

- Сагынганым деле жок, атамдыкына эки эле түнөбөдүмбү?

- Ошол мага көп болуп кеткендей сезилди.

- Калп! - деди Тотухан чыдабай кетип. - Сагынсаңыз үйгө кайдагы аялдын жыты келди? - Туруп барып каткан жеринен жоолукту алып чыкканда Эргешбайдын көзү чакчайды:

- Бул кайда экен?

- Үйдө, керебеттин алдында жатыптыр!

- Тоту, билсем өлөйүн, эчтеке билбейм, бул атайын жасалган иш, үйгө ким келди эле? - деп жанталашып карганып жатты. - Эч ким келген эмес, билбейм муну.

- Мен коңшуларды чакырып чай бердим, андан башка эч ким келген жок.

- Кудай урсун, билбейм.

- Каргана бербеңиз, өзүм табам булардын ээсин, - дегенде ого бетер далбастады, оюнда Гүлшандыкы экен деп турду. "Эн-неңдурайын катын, атайылап таштаганын кара", - деп жини келип, Тотуханды жоошута албай аргасы кетти. Ал өзүнчө төшөк салып, ары карап жатып алды. Эргешбай эмне кылаарын билбей жанына келип, жалдырап жатты.

- Тоту, жаным, таарынбачы эми, аны өзүм сүрүштүрөм, үй ачык турганда бирөө жарым таштаган го, мен эчтеке билбейм, - деп төшөгүнө эңкейип аялын кулак тушунан өөп, өзүнө каратты. - Кана, жаным, жарк этип койчу, мени бир карачы, жаным. Мындан ары үйгө чымынды да киргизбейм, бассам-турсам кулпулап турам, макулбу?

- Койчу, мени жаш баладай алдабай, бир күн жок болсом үйдө чоочун жыт менен буюмдар калып калса, кантип ишенем? Төрөбөгөнүмдөн минтип күйөөдөн чыгып, сизге кор болуп отурам, кечире албайм, эртең апамды чакырам да кетем, ушундан көрө эри жок жүргөнүм жакшы!

- Кой, эркем, анте көрбө, кайрадан жалгыздыктын торуна салба, - деп жалдырап, түртүп койсо отуруп калды Эргешбай. Эптеп жатып алып: "Сениби шашпа, акмак, аялдын акмагы, сени эртең эле жетип өлтүрбөсөм", - деп ызырынып атты. Эртең менен эрте туруп өзү тамактанды да, жумушка шашып жөнөдү. Ал театрга келгенде эки-үчөө эле келген экен. Гүлшанды күтүп туруп:

- Бас үйгө, Тотуханды кетирип сага нике кыйдырам, сага ошол эле керек беле? - деп карысынан сүйрөй машинасынын арткы салонуна отургузуп, жулкунта айдап үйүнө келди. Дегдеңдете жетелеп кирип:

- Мына, мурдагы күнү мен огороддон келатканда үйдөн чыккансың, бул сеникиби, мындайыңды качан койосуң, сенин бузукулугуңдан… - деп буюмду алдына ыргытты. - Булар сеникиби?

- Эргешбай, бул эмнең, меники эмес, Зухранын буюмдары го? - деп билмексенге салды Гүлшан. - Мен Тотуга эле жолукканы келгем, бул буюмдар меники эмес, - деп Тотуханды карады. - Кайдан таптыңар?

- Үйдө экен, - Тотухан жини келип турса да токтоо сүйлөдү. - Кудагыйдын жоолугу кайдан келип калат, а буларычы? - Эргешбайдын эми эси ооду, бир азга эси эңгирей туруп калды.

- Аныкы болсо дагы атайын алып келип таштаган сенсиң, бу сенин мага кылган кастыгың. Жооп бересиң, эгерде Тотухан кете турган болсо сени өлтүрөм, чыгып кет бул жерден! - деп жоолук менен бир чапты.

- Сен жинди болбо, Эргеш, Зухра мага эмне буларын карматып коюптурбу, эсиңе келчи, сага эмнеге кастык кылам? - деп Тотуханга жасакерлене кетти. - Тотуш, сен али жашсың, кээде күтпөгөн окуялар болуп кетет, адам көтөрүмдүү болушу керек, Зухра мындайга барбайт эле…

- Сен амалданбай жолуңа түш, түлкү да сенден ыймандуурак, сыйың менен жогол азыр, жоолук менен буюмдарды алып кет! - деп Эргешбай заколка менен помаданы жоолукка ороп колуна карматып, сыртка жетелеп чыгарып койду. - Экинчи босогомду аттап көр!

- Кызык, мен Тотуханга жолугайын дегем… - деп Гүлшан ызалана жүзү кыпкызыл болуп жөнөп баратты.

- Тотухан сенин курдашың эмес, көзүмө көрүнбө! - деп кыйкырган Эргешбай дарбазасын жаап кирип, аялы менен беттеше түштү. - Көрдүңбү, жаным, мен тамдын артынан келе жатсам үйдөн чыккан, ошон үчүн ошондон көрүп жатам, анын колунан баары келет. Кечирип койчу, жаным, мен сени күнүмдүк эмес, түбөлүк жарым болот деп алганмын.

- Гүлшан менен мамилеңиз болсо керек, болбосо эмнеге кастык кылат, эмнеге жамандык ойлойт, өткөндө Зухра жөнүндө ушул айткан.

- Акмак, андай мамилебиз жок, өзү эле жабышып жүрөт, менин анда ишим да жок, койчу, алтыным, менин көңүлүм тынып, тынчым кетпей эс алып калайын, келчи, жаным, кучагыма, - деп эки колун жая карады. - Бир ачууңду мага берчи?

- Болуптур, кечирейин, бирок экинчи мындай болсо эч нерсе айтпай туруп басып кетем, башымды оорутуп отурамбы? - деп тултуйган Тотухан тетири карады.

- Кечир, алтыным, мындан кийин эч качан мындай болбойт, - деп эри артынан кучактады. - Кечирчи, жаным… - Тотухан унчукпады, Эргешбай жан-алы калбай өпкүлөй берди. - Кечирдиңби, жаным, көңүлүм жайланып ишке киришейин.

- Болуптур эми, жумушуңа жөнөй бер, - деп аялы күлө баштады эле, Эргешбай кудуңдап жумушуна кетти. Келсе Зухра менен Гүлшан жаңы эле театрдан чыгып кетиптир. Алардын кайда кеткенин сезген Эргешбай шашып чыгып алдындагы ашканага жүгүрдү. Каалганы акырын ачып, экөөнү көрө басып келатканда аны байкабай эле Гүлшан сүйлөп жатты:

- Эми экөөңөр тең уялбайсыңарбы, аялы жокто барыпсың, Тотухан билип калып чатак чыгарып жатыптыр.

- Оозуңа карап сүйлө, мен кайда барыптырмын?

- Билмексен болбой эле кой, Эргешбайдын үйүнө барып жаткан турбайсыңбы, мына буларың кала бериптир, - деп Гүлшан жоолукту ага ыргытты. - Же бул далил эмеспи? - дегенде Зухра жини менен аны жаакка чаап жиберди.

- Акмак, мени жаманатты кылайын дедиңби, сен гримеркама кирген күнү жоголгон, мен сенден көрүп унчуккан эмесмин. Сени директорго кирип айтам да, жумуштан чыгартам! - деп тура калып, бери бурулган Зухра Эргешбай менен беттеше түшүп селейди. Анан тез-тез басып чыгып кетти. Гүлшандын жанына келген Эргешбай:

- Өзүңдүн күнөөңдү мойнуңа алып кечирим сурашың керек, болбосо иштен чыгасың, иттигиңдин азабынан жумуштан кеткиң келбесе, тез барып, Зухрадан кечирим сура, - деди. Өзү Зухранын артынан жүгүрдү. Зухра гримерныйына кирген соң кыжаалат болуп, ыйлагысы келди. "Эмнеге эле бул мага жамандык издеп турат, мен буга эмне кылдым эле деги?" деп мелтиреп отурган. Эргешбай директордун кабинетине кире бериштен сураса, катчы кыз Зухранын кирбегенин айтты. Сырттан Гүлшан кирип келатканда Эргешбай алдынан чыгып:

- Ал директорго кирбептир, бөлмөсүнө барып, кечирим сура, андан кийин Тотуханга баарын ачык айтып, кечирим сурашты унутпа, - деп ары басып кетти. Гүлшан кечирим сурагысы келбеди, андан көрө жумуштан өзү кетмек болду оюнда. Бирок кете албасын сезди. Мойнунан байлаган иттей болуп, коридордо илең-салаң кетип баратты. Анын бөлмөсү Зухраныкынан кийинкиси. Тушуна келип туруп калды, кечирим сурагысы келди, бирок кемсингиси келген жок. "Качан болсо ал жеңип жүрөт, менин оюм ордунан чыкпайт, неге мындай, ал эле кандай алдыда боло берет?" - деп ойлоп, Айнагүлдүн бөлмөсүнө башбакты. Ал экөө кээде өз ара сырдашып, Зухраны жамандап калышчу.

- Кел, Гүлшан, - деди ал күзгүдөн көрүп эле.

- Келдим, эмне кылып жатасың?

- Бүгүн концертке катышабыз, директор атайын бир номур аткарышың керек дейт мага.

- Жакшы, баарыңар жолдуусуңар, мен эле келип-кетип жүрөм, ролдун да жакшысы тийбейт, ошондуктан кетейин деп жатам.

- Кайда? - Айнагүл артына бурулду.

- Жумуштан чыгам, үйдө эле болом го?

- Жинди, эмитен балдарга көз каранды болбой кычырап жүрө бер да, үйдө отурсаң неберелердин түйшүгүн тартып, бат эле карылыкка моюн сунасың, так что өзүңдү карма, - деп Айнагүл күзгүгө карап, кайра сурады: - А эмнеге кеткиң келди?

- Баягы эле Зухра экөөбүз тартышып калдык.

- Ой, ошо да кеппи, бүгүн тартышсаң эртең табышасың, эч нерсе болбойт, өзүңдүн жеңилдигиңден кийин өкүнүп калба, - деди Айнагүл түз эле. Гүлшан андан чыгып, өз бөлмөсүнө келди. Отуруп алып ыйлады. "Эмнеге дайыма арттамын, мен деле алардай эле өңдүү-түстүүмүн, анан эмнеге мындай, Эргешбай болсо менден баш тартты", - деп шолоктоп ыйлай берди. Бир кезде аны Азамат деген жаш ырчы чакырып калды.

- Сизди директор менен режиссер чакырып жатат.

- Эмнеге?

- Билбейм, тез келсин дейт.

- Бара бер, - деп койду да, күзгүнүн алдында чачы-башын оңдоп, көздөрүн бойоп жасанып алып, директорду көздөй жөнөдү. "Эмнеге чакырды экен, эгер Зухра айткан болсо четке кагам. Мени экөө атайын ушинтип каралап жатат дейм, өлсөм да мойнума албай, өздөрүн уят кылам", - деп чечкиндүү кабинеттин босогосун аттады.

- Кел, Гүлшан, кел отур, - деди директор. - Сага бир тапшырма, бир тойго барып ырдайсың, келишимди биз түзүп койдук, ошондуктан гонорардын үчтөн бир бөлүгүнө кандай дейсиң?

- Канча болот экен?

- Алты миң болсо, миңи сеники, бир-эки саат болосуң.

- Макул, - деп кубанып кетти. "Айткан эмес экен, ар дайым арам ойду ойлой берем, ал түшүнүктүү аял, мен туура эмес иш кылдым", - деп өз каталыгын ойлоп ийди.

- Анда барып даярдана бер, кечки саат алтыда барасың.

- Рахмат, - деп кабинеттен чыкты. "Зухрага кирсемби, кечирим сурашым керекпи?" - деп ойлуу коридордо келатып, Зухранын бөлмөсүнө кирди.

- Зухра, мени кечир, - дегенде Зухра күзгүдөн ушундай бир жек көрө карады дейсиң.

- Эмнеге келдиң?

- Кечирип кой мени.

- Сурагансың кечирим, кечирим сурап туруп ушул ишке бардың, сага ким ишенет, бар ишиңди кыл, сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Баары бир кечирип кой, экинчи мындай болбойт.

- Чыгып кет!

- Кечир, - деп Гүлшан бөлмөдөн чыкты. Анан өз ишине киришти. Бул кезде Зухра интермедия аткарганга даярданып жаткан, алдыда күзгү майрам болгондуктан, күлкүлүү интермедияны алып чыкмак. Директор анын мүнөзүн билгенге атайын жөнөткөн. Зухра ырдабайт, ролду ийинине жеткире аткарат. Ошондуктан аны баары сыйлашчу…

Бул жашоодо баары болот дегендей өмүрлөр билинбей өтө берди. Эргешбай Дилбаранын баласын көрүп келмекке Тотухан экөө шаарга жөнөштү. Махмуд өзүнөн-өзү келген акчалардын эсебинен жашап бутуна турду, ишканасын чоңойтуп, иши жүрө баштаган. Бир күнү Рашидге жолугуп:

- Рашид, эми мындан ары өзүң тейле, мен өзүмчө кеттим, акыл менен иштесең эки-үч жылда бутуңа турасың. Эгерде ишиңер түшүп калса, жардам берем, бирок эсиңде болсун, керээлден кечке базарда отуруп, соода жасагандардын же бей-бечаралардын акчасына тийбегиле. Чириген байлар өзү белгилүү болот, ансыз да алардыкы арамдан куралат, алардыкы кемип калбайт, биздей бечаралар үчүн бир күнкүсү сууга кетет, эптеп пул тапкандарды ыйлатпагыла, - деди.

- Рахмат, Махмуд аке, сиздин айтканыңыз бизге акыл, баарын аткарабыз, - деп Рашид эпилдеди. - Сизден кол үзбөйм, баары бир сиз бизге керексиз, аке.

- Ишиң илгери болсун, - деп Махмуд басып кетти. Ошол убакта кол телефондорду чоңдор гана көтөрө баштаган, Махмуд келинчеги экөөнө тең телефон сатып алды. Ал күнү Дилбаранын туулган күнү эле. Кучак толо гүл менен тортту, баштык толо тамак-ашты көтөрүп келди. Экинчи уулу дагы төрөлүп, эки айдай болуп калган, кирип келип эле кайната-кайненесин көрүп, алар менен жылуу учурашты:

- Келиңиздер, ата, мал-жан тынч, жакшы жүрөсүздөрбү, кыйналбай келдиңиздерби?

- Келдик, жакшы эле, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү? Биз кичинекей неберебизди көрөлү деп эле келип калдык, - деди Эргешбай.

- Диля, туулган күнүң менен! - деп Махмуд келинчегине карады. - Мен сага эмне алып келдим көрчү, - деп телефонду карматты. - Бул кол телефон, экөөбүз сүйлөшүп турабыз.

- Кана-кана, телефон ушул бекен?

- Ооба, азыр чанда гана адамдар, айрыкча чоңдор көтөрүп жүрөт, сенин туулган күнүңө алып келдим, - деди бапылдай. Тамак-ашты дасторконго жайнатып, бапырап калышты. Махмуд колунан келишинче кайын журтун сыйлап жатты. Турмуштун оош-кыйышы бар эмеспи, бирде адам жаңылыштык кетирип жатканын убагында сезбей өз сөзүнө турам деген оюна, куру намыска алдырат. Жакшылык күткөн адамыңдын кээде күтүүсүз кылыктарына күбө болосуң. Анын сыңары Эргешбай азыр ичинен уялып турду, бир гана шылтоосу Зухра экөөнүн мамилеси. Күйөө баласынан уялганынан ага баш ийкеп гана отурду, ошол кезде эшик тыкылдап калды. Махмуд ачса, Раимжан менен Бермет экен.

- Оо, келиңиздер, - деп үй ээси меймандарды жайдары тосуп алды.

- Келдик, күтпөгөн чыгаарсыңар, биз Диляны куттуктаганы келип калдык, - деди Раимжан.

- Дилянын туулган күнүн унутуп калсак болбойт да, - деп кобурашып кирип келе жатканда Дилбара утурлай чыкты.

- Туулган күнүң кут болсун, садага! - деди Раимжан Дилбараны жүзүнөн, чекесинен өөп. - Ылайым көп жаша, - деп ичкериге кирди. - Оо, жездем дагы келип калган тура, мына-мына биз бу жерден келгиче булар Жалал-Абаддан келип калышкан тура! - Раимжан Эргешбай менен учурашып, Тотуханга баш ийкеп койду. "Байкуш эжем өлбөгөндө азыр жанымда отурбайт беле?" - деп ойлоп алды.

- Келиңиз, жезде, - деп Бермет да учурашып, орун алышты.

- Келип калдык, биз тиги кичинекей неберебизди көрөлү деп эле келип калганбыз, чынын айтсам Дилбаранын туулган күнү таза эсимден чыгып кетиптир, - деп ыңгайсыздана жооп кылды Эргешбай. - Өзүңөр жакшы турасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, баары жайында.

- Балдар жакшы жүрөбү?

- Алар өзү менен өзү, кудайга шүгүр.

- Ошентсин, аман-эсен болсоңор эле болду.

- Шүкүрдөн кабар барбы?

- Сүйлөшүп жатат, өткөндө бир акча салган, ошол жактын жараны болуп алыптыр, үйлөнүп да алдым дейт.

- Жакшы, жашоо кайда ыңгайлуу болсо, адам ошол жакка ыктайт да азыр, өзүнө тың болсо болду, Акрам менен Акбар бала-чакасы болуп тынч, аман жүрөбү?

- Жатат, баары жакшы.

- Кана, ата, тага, тамакка караңыздар, - деген Махмуд табакка үйүлгөн семиз этти ортого коюп, ар бирине устукан тартты. - Алыңыздар!

- Келиңиз, жезде, күйөө баланын сыйын көрөлү, - деп Раимжан Эргешбайды карады.

- Ооба, буйрусун, - деп койду жездеси. Андан кийин үймөлөнгөн аш келди, дасторкондо турган импорт арактан куюп, суусундуктан бокалдарга толтуруп, Махмуд коноктордун алдына койду.

- Кана, ата, бир жакшы тост айтып коюңуз.

- Мейли, балам, мен эмне дейин, Дилбаранын туулган күнү кут болсун, уулдарыңардын татыктуу ата-энелери болуп, кармашкан колуңар ажырабай, араңардан кыл өтпөй ар дайым жаркырап-жайнап, биздин кубанычыбыз болуп жүрө бергиле. Кызым, өмүрүң узун, бактың бийик, ырыскыңар мелт-калт болуп эч бөксөрбөй жүрө бергиле, - деди Эргешбай.

- Рахмат, кел, тага, алып ийиңиздер! - Баары алып жиберишти.

- Тамактан алып отуруңуздар, - деди Дилбара. Тотухан унчукпай тамактан алып отурат. Бир кезде Раимжан:

- Кана эмесе, эмки тостту, эже, сиз сүйлөп койосуз го, Диля кызыңызга жакшы тилек айтып коюңуз, - деди Тотуханга улуу башын кичик кыла "сиз" деп. - Сиз эми менин эжемсиз.

- Ооба-ооба, туура айттың, сүйлөп кой, Тоту, - деди Эргешбай шаша.

- Мен эмне демекмин, Дилбара, туулган күнүң кут болсун, уулдарыңдын мээримдүү энеси, жарыңдын сүйүктүүсү болуп аман-эсен жүрө бер, баарыңыздарга жакшылык каалайм! - деди Тотухан токтоо.

- Рахмат, айтканыңыздар келсин, - деди Махмуд. - Көптүн каргышына калгыча, аздын алкышын ал дейт эмеспи, айтканыңыздар таамай тийсин, - деп күлүп калды.

- Ошентсин, айланайын, ылайым бак-таалайлуу болгула, - деди Бермет.

- Ой, сага азыр сөз келет, шашпай койо тур! - деп Раимжан аялын тамашалай күлдү. - Ушундай бир сүйлөйсүң, доклад окугандай.

- Ага чейин сүйлөсө болбойбу? - Бермет да күлүп жиберди.

- Болбойт, качан тост айтасың андан кийин сүйлөй бер.

- Болуптур. - Бермет Дилбарага карады. - Тагаң өзү сүйлөгүсү келип шашып жаткан го?

- Тагам сүйлөбөй анан, менин туулган күнүмдө сүйлөйт да, - Дилбара Махмудга карады. - Тагама сөз бер эми, андан кийин тажеңем сүйлөйт.

- Ананчы, тагама бербей анан. - Махмуд арактан куюп жылдырды. - Кана эмесе, тага, жээниңизге каалооңуз…

- Оо-ой, жээниме дүйнөдөгү болуп көрбөгөндөй бакытты, жашап көрбөгөндөй узу-ун өмүрдү, кемибес ырыскы менен бирге бактылуу карылыкты каалайм! Карыганда сыйлаары болсун, узак жашап сыйлаары болбосо, ал узак жашоонун кимге кереги бар, ошол үчүн өмүрүңдө өксүбөй гүл өмүрдүн кызыгына батып, бакубат жаша, каралдым, - деди рюмканы көтөрө. - Аманчылык болсун!

- Айтканыңыз келсин!

- Аман болгула!

- Кемибегиле, садага!

- Балдарыңардын татыктуу ата-энеси болуп жүрө бергиле! - дешип бакылдап жатышты. Бир аз ичкенге гүүлдөп калган Эргешбай кыз-күйөөсүнө ыраазы болуп жетине албай отурду. Түн бир оокумда гана жатмак болуп бөлмөлөргө бөлүнүштү.

Раимжандар конбой эле машинеси менен кетип калышты. Тотухан Дилбаранын жашоосуна суктанып жатты. "Кудайым буга бардык жагынан берген экен, күйөөсү жигиттин жигити болсо, өзүнө өң-түстү берип, эки уулду катарынан тууп коюптур", - деп шуудураган мамык төшөктү жамынып жатып ойлонуп алды. "Беш кол бирдей эмес деген тура, өңү-түсүм болгону менен Жараткан баладан айтпады, эгер бир эле балам болгондо Өмүржан мени койо бермек эмес. Тагдыр ай тагдыр, минтип бир топ жаш улуу адамдын койнуна түштүм", - деп ары карап жатып ыйлап да алды. Өкүнүч-арманы, жүрөк сыйрылта сыздаткан ызасы жан дүйнөсүн жабыркатып турду, кайрадан өзүн кармап тобокел кылып, тагдырынын бардык соккусуна чыдап, көнмөккө өзүнө-өзү убада берди, ушул жашоосуна топук кылды. Эртең менен эрте турган Дилбара тамагын ысытып, чайын кайнатып, ата-энесин күтүп аткан. Тээ бир топтон кийин Тотухан сыртка чыкканда:

- Жакшы эс алдыңызбы? - деди жылмая. Тотухан:

- Жакшы, рахмат, - деп эшикке чыгып, жаңы бүтүп жаткан үйдү көрдү. Эки кабат үй бүтө жаздап калган эле. Болгону кирээри эле калыптыр, эшик-терезелери бүт пластик менен кооздолгон үйгө суктанып көпкө турду. Бир аздан кийин Махмуд Раимжанга кол телефон менен чалды. Үй телефону чырылдаганда ала коюп:

- Ким? - деди Бермет.

- Алло, тажеңе, кечинде кандай жеттиңер? - деген Махмуддун үнүн угуп:

- Жакшы,кайдан чалып жатасың? - деп сурады.

- Жеңе, кечээ Дилянын туулган күнү болчу, бүгүн кол телефондорду жууйбуз, тезирээк келип калгыла!

- Апээй, ботом, качан алдыңар?

- Кечээ, Диляга да, өзүмө да алгам, күттүрбөй келиңиздер, ээ?

- Ма-акул-макул, бүгүн дем алыш, барып калабыз, - деди Бермет күлө. Ошентип алар айткандай бат эле келип калышты. Данил, Даниел аттуу эки уулдуу болгонуна кубанган Махмуд бир чардагысы келди, кайын журтуна көрүнгүсү, бүтүргөн тамды жарыкта көргөзгүсү келди. Үйдү бүтсөм, анан башка машина алам деп жаткан. Бул түнү дагы бака-шака болуп отурушту. Аңгыча Зухра келини, эки кызы болуп, бала көргөнү келип калышты. Баары чогулуп үйдү көрүп жүрүштү. Үстүңкү кабатта балдардын бөлмөсү менен зал, өздөрү жата турган бөлмө менен китепкана болуп төртөө эле. Дилбара иштегенде атайын даярданат деп окуу бөлмөнү чакан жасаткан. Алдыңкысында ашкана, тамактанчу бөлмө, анан дагы эки бөлмө.

- Абдан чоң салыныптыр, буйрусун, ушул үйүңдүн көрүндүгү, - деп Раимжан Махмудга эки миң сом берди. Эргешбай андан кем калбайын, кыз меники эмеспи деп беш миң бере салды. Зухра эки кызы менен кеңешип, куру калбай эки миң берди. Ошентип үйдү куттуктап, экинчи кабаттан дагы жүздөшүштү. Бир гана Нурила иччү эмес. Зухра аз-аздан алып коюп жатты. Тотухан эртеси ичкен жок, мурунку күнү ичкенге ооруп калыптыр. Жатып алган, анткени Эргешбайдын беш миң сомду бере салганы ага жакпады. Шаарга барып бир сыйра кийинип келем деген, эми кетээрге гана акча калды, ошого жини келип, анысын байкатпай жатып алды.

- Буйрусун, балдарым, бул менин чоң кубанычым, балдарымдын элдей болуп жакшы жашаганы мен үчүн бакыт, - деп бакылдады Эргешбай, аялынын сырын билип турган менен билгизбеди.

- Анан эмне, баланы ошон үчүн күтүп, ошон үчүн багып, ошон үчүн жашайт экенбиз, атадан артык уул болдуң, балам, сага ыраазымын! - деди Зухра.

- Апа, атам да жаман болгон эмес, ошончо жерди кыдырып, союз учурунда эч ким көрбөгөн Арабияга барып жүргөн адам жаманбы? Мен өзүмдү атамдан артык болдум деп айталбайм! - деди Махмуд кабагын түйө. - Атам тирүү болгондо эмдигиче укмуш киреше тапмак экен, анткени ал сооданын көзүн мурунтан билчү да.

- Ооба десең, атаңдын сөөгүн да алыста калтырбай, балтыр этиң толо элек, акылга акыл кошо элек убагыңда сен алып келбедиңби, анан кантип атадан артык уул деп айтпайм, туугандарынын бири сага кошулуп барууга да жараган жок го?

- Эми аны сөз кылганда эмне, апа, - деп Махмуд ары басты. - Ушул үйгө кирип, чоң той беребиз, буйруса.

- Той берсең турабыз го, силердин жакшылыгыңар үчүн биз даярбыз, балам, колдоп-жөлөй турган биз, - деди Эргешбай. Ошентип сүйлөшүп, кайра үйгө киришти, анан дасторконго отуруп, бир сыйра тамактангандан кийин Раимжандар кетип, Эргешбайлар да кетмек болду. Тотухан туруп, камынып калганда Дилбара:

- Сиз муну кийип кетиңиз, бул акчага каалаганыңызды алып алыңыз, - деди кийим-кече менен миң сомду колуна карматып, атасына костюм-шым, көйнөк, калпак берди. Аларды жылуу-жумшак узатып коюп, анан өздөрүнчө калышты.

- Жаным, кыйналган жоксуңбу? Эки күндөн бери жалгыз тамак-аш жасап кыйналдың, эс ал эми, балдарды мен карайм, - деди Махмуд келинчегин эркелете кучактап өөп. - Бактылуусуңбу, жаным?

- Ая-ябай! - Дилбара көздөрүн жума жылмайып койду. - Аябай бактылуумун! - деп күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөп колдорун мойнуна артты. - Дүйнөдө менден бактылуу киши жок.

- Ырыстарым… - Экөө көпкө чейин кучакташып туруп, манеждеги наристе ыйлап калганда гана бөлүнүштү. Данил болсо күндүзү ойноп жүрө берет. - Мен Данилди карайын, сен уулумду ыйлатпай кара ээ, жаным? - деп Махмуд сыртка кетти. Бактылуу үй-бүлө өздөрүнчө кубанычтары койнуна сыйбай балдары менен өз оокаттарын өткөрүп жашап жатышты…

Эргешбай менен Тотухан сыртка чыгып, аялдамадан такси кармап, бекетке келгенче тултуюп сүйлөшүшпөдү. Жалал-Абадга келип, үйүнө киргенде гана Эргешбай:

- Тоту, сага эмне болду, эмнеге таарындың? - деди акырын.

- Эми билдиңби, мага эмес башкалар үчүн жашаганыңызды айтпайсызбы, мен сиз менен жөн эле барган экенмин. Зухра барганда тим эле жаркылдай түштүңүз го, аны менен атайын кеңешип алып барган экенсиңер да, болбосо ошого чейин барбай анан биз барган кезде келип калганын келесоо киши деле билет да, - деп эбиреп кирди.

- Кудай урсун, сүйлөшпөй эле, ал кыздары менен барган тура, ошонун да кыйшаңы барбы? Тоту, биздин эч кандай сырыбыз же жашыруун мамилебиз жок, болгону бирге иштейбиз.

- Актанбай эле коюңуз, сиздин аны кандай караганыңызды көрдүм, көздөрүңүз жайнап, ал сүйлөп жатканда жалдырап карап турдуңуз го?

- Кой, Тоту, арам оюм жок.

- Мени канчага чейин алдаар экенсиз, акыры чындык чычайып чыкканда эмне деген шылтоо табаар экенсиз? - деп Тотухан өзүнө орун салып жатып алды. Эргешбайдын кайра аргасы кетти, "Мындайын билгенде аял албай эле жүрө берсем болмок экен, минте берсе мени жеп бүтөт го, ушундан көрө Гүлшанды алып алсам кулак-мээм тынч жашамакмын" деп өзүнчө үңкүйүп отура берди. Алар үйүнө келгенде кеч болуп калган, түнкү жымжырттыкта ойлуу отуруп ошол жерге кыңкайды. Раматылык аялы абдан жоош-момун, көп сүйлөбөгөн неме болчу. Канча жыл театрда иштеп, аялынын бир дагы жолу кызганып таарынганын же сүйлөгөнүн уккан эмес. Келгенде күлүп-жайнап, алдына тамагын жайнатып тосуп алып, төшөгүн алдына калыңдап салаар эле. Өзү идиш-аягын жууп, балдарын бир сыйра кымтылап жаап коюп, анан келип жанына жатчу. Ушул кезде Эргешбай аялынын өлгөнүнө кейип, тагдырына нааразы болуп турду. Тотухан ошол бойдон таң атканда да козголбоду. Эргешбай кечээги кызы салып берген эттен жеп, чай ичип алды да, унчукпай кетип калды. Тотухан аны дагы өзүнө жалынып-жалбарат деп ойлогон, унчукпай кетип калганына жини келе кийинип, жуунгандан кийин төркүнүнө жөнөдү. Ортолору бир топ, автобус менен барат. Тотухан келгенде апасы Супахан сыртта жүргөн.

- Кел, кызым, жайчылыкпы деги?

- Биротоло келдим, - деди Тотухан тултуя.

- Эмнеге? - Эне кызын таңгала карады.

- Ошого, аны менен жашай албайм!

- Уруштуңарбы?

- Жок.

- Анан эмне болду?

- Жөн эле, артист менен жашай албайм.

- Кызым, - деди Супахан, - кирчи үйгө, жай сүйлөшөлү.

- Сүйлөшкөндө эмне, апа, мен эми барбайм.

- Атаң укпасын, үйгө жөн гана келиптир деп койом, уктуңбу? Эми дагы күйөөдөн чыкканыңды көргөн эл эмне дейт, кана айтчы, Эргешбай эмне деди?

- Эчтеке.

- Эчтеке дебесе, уруп-сокпосо, эмнеге келдиң, ыя? Күйөөдөн-күйөөгө чыга бериш жакшыбы сага, же атанын төрүндө отурганың жакшыбы? Айтчы мага, жеңелериң, агаларың эмне дейт?

- Ойноп чыгып жаттым беле, кудайым бала берип койсо, ажырабайт болчумун. - Тотухан ыйлап кирди. - Төрөгөндө силердин эшигиңерде отурмак эмесмин!

- Эмне Эргешбай дагы төрөбөйсүң дедиби? - Супахан кызын олурая карады.

- Жо-ок, анын балдары турса эмне кылмак эле…

- Капырай, түшүндүрүп айтсаң боло?

- Ал башка аялдар менен жүрөт экен.

- Кызы-ым, эркектер жөн жүрмөк беле, аялы жокто жүрсө жүргөндүр, эми сен турбайсыңбы, ал андай адам эмес, - деп Супахан кызына акыл-насаат айтып, чай берип кайра жөнөтмөк болду.

- Зухра экөө соо эмес. - Тотухан бултуңдай ушинткенде Супахан кызына ачуулуу карады.

- Сенин акылың жок, кызым, кудагыйы менен кантип соо эмес болот, жөндөн-жөн кызганат окшойсуң. Ал белгилүү аял, эл тааныйт, андан күмөн санаганың болбойт. Экөө көп жылдан бери бирге иштешет, бири-бирин билет, эми куда-кудагый болуп отурат, куру кызганганыңды токтот.

- Биз шаарга бала көргөнү барсак, эртеси ал дагы кыздары менен барып калыптыр, ошонусу туурабы?

- Ыя, кокуй, театрда дем алыш болуп калганда колу бошогон неме барат да, ошого эле биротоло келдим деп баса бергениң кандай. Эргешбай үйгө келе электе барып кал, атаң дагы, эл-журт да билбесин, - деп, баштыгына эт-аш салып берип, короодон чыгарды. - Аял деген турмуштун ысык-суугуна чыдап жашайт, төрөбөсөң да анын балдарынын сыйын көрүп, эриңди ызааттай бил, акыл менен жең баарын, бара гой, кызым, эки-үч күндөн кийин өзүм барам.

- Макул, апа, - деп Тотухан кайра жөнөдү, үйүнө келип, жыйнап-тазалап, кечкиге тамак жасаганга киришти. Кечинде Эргешбай кирип:

- Жакшы эс алдыңбы, Тоту? - деди.

- Жакшы, - деп койду келин. Унчукпай дасторкон жайды, тамагын алып келип астына койду. Эргешбай үндөгөн жок, алдындагы тамакты ичип, дасторконго бата тилеген соң кыңкая кетти.

- Эртең бизде спектакль коюлат, эң алдына отуруп көрөсүң, апаң менен атаң барса аларды да ээрчитип ал, макулбу?

- Макул, эмне жөнүндө?

- Жоголгон ата жөнүндө, "Издейм сени" деп аталат.

- Жакшы экен, сиз ким болуп аткарасыз?

- Жоголгон ата болом.

- Оой, анан кайдан табыласыз? - Күлүп калды Тотухан. Анын сөзгө келгенине кубана түшкөн Эргешбай:

- Мен акыр-чикирди аралап жүргөндө өз балам таап үйгө алып келет, ал эми аялым мени кабыл албай улуу баламдын үйүнө кетип калат, - деп сүйлөп жатты. - Сага жактыбы?

- Жакты, аялыңыздын ким экенин билсем болобу?

- Зухра, ал кийин башка аял алганга уруксат берет, ал аялым Гүлшан.

- Укмуш экен, сиздин аялыңыз болуп аткарганга алардан башка аялдар жокпу?

- Алар дайыма ошондой аткарышат, башкалар ырдайт, бийлешет.

- Аа-а, - деп койду Тотухан.

- Башкы ролдорду аткарчу артисттер бар да, калганы дайыма эпизоддордо жүрүшөт, биздин кыйын актрисалар ошол экөө, анан дагы экөө бар.

- Түшүндүм.

- Алтыным десе, мени түшүнгөнүңө рахмат.

- Оюнуңарды көргөндө кызганып кетпесем болду. - Келин күлүп калды.

- Кызгана турган жери жок, жаным. Зухра болсо мени көрөйүн деген көзү жок болуп, үйгө келээрим менен кетип калат. Гүлшан жаңы эле келет, сүйлөшүп гана отурабыз, мен турмуштан аябай азап тартып жүдөгөн адаммын.

- Ошону кантип аткарасыз?

- Актердук кесип ошондой да, бирде зыңкыйган адам болобуз, бирде көп ичип кеткен алкаш болуп ойнойбуз, артист ар түрдүү ролго даяр болуш керек.

- Ии-ий да, - деди Тотухан ойлуу, андан кийин экөө тең унчукпай калышты. Тотухан дасторконун жыйып, үйүн бир сыйра шыпырып, орун салган соң жатып калышты. Эргешбай аялынын таарынычы тарап кеткенине ичинен ыраазы болду.

Гүлшан баягыдан кийин Эргешбайга карабай калган, өзү менен өзү, эртеден кечке ролдору менен алек. Эки уул, бир кызы бар, жашоосу жакшы, жашы кырк сегизде. Кээде баарына кол шилтеп, күйөөгө тийип кеткиси келет, бирок ылайыктуу адам жок, өзүнө жакпаган адамдар колун сурап келген менен макул болбой жүрө берди. Кийинки убакта замандын өзгөрүүсү менен той-топурларга барып ырдап калат, андайда колуна акча тийип, үйүнө кубанычтуу кайтат. Сумкасындагы толтура эт-момпосуюн неберелерине берип бапырап калат. Улукбек деген шаардык инспектор баласын отургузуп чоң той берди. Тойго белгилүү адамдар, чоңдор келген. Ошол тойдо Жанышбеков Табылды деген генерал Гүлшанды көрүп жактырып калды. Ал пенсияда, аялынын өлгөнүнө көп болсо дагы парасаттуу, кадыр-барктуу неме өз аброюн сактап үйлөнбөй жүргөн. Ылайыктуу келин таппай, туугандарынын тапканына көнбөй бойдок эле. Ошол күнү ал Гүлшандын жанына отуруп калды.

- Карындаш, таанышып алалы, - деди Табылды ага жылмая карап.

- Таанышуудан качпайм, - деп Гүлшан күлө карай колун сунду.

- Атым Гүлшан, фамилиям Алкожоева.

- Менин атым Табылды, Жанышбеков Табылды.

- Жакшы.

- Жолдошуңуз барбы?

- Жок.

- Бойдок экенсиз да, балдарыңыз барбы?

- Кудайга шүгүр, үч балам бар.

- Жакшы-ы, - деп койду Табылды. - Менин эки кыз, бир уулум бар, өзүм пенсиядамын, аялымдын өлгөнүнө алты жыл болду.

- Абдан жакшы, эмесе таанышып алдык, мен эми кетишим керек, кош болуңуз, дагы көрүшүп калаарбыз, аялыңыздын жок экени өкүнүчтүү экен, кечиресиз.

- Телефонуңузду таштап коюңуз, жолугушуп туралы.

- Макул, каршы эмесмин, - деп Гүлшан сумкесинен кагаз алып чыгып, номурун жазып берди да, үй ээсине жолугуп, гонорарын алып жөнөп кетти. Табылды: "Жакшы аял экен, ушуга үйлөнөм, артист болсо болоор, аял деген аял эмеспи", - деп ойлонуп калды. Гүлшан да жаман ойдо калган жок, улгайыңкы ак чачтуу адам ага жагып турду. "Балким жагып калгандырмын, эгер сөз айтса макул болоюн", - деген ойдо үйүнө келди. Жашоо өз нугу менен өтө берди. Өз иши менен алек болуп жүргөндө кол телефону чырылдаганынан караса, чоочун номер.

- Алло, угуп жатам, ким болду экен?

- Кечиресиз, тынчыңызды алган Табылды, - деди арытан тааныш үн.

- Саламатсызбы, унутпаганыңызга рахмат! - деп Гүлшан күлдү.

- Сизди унутууга мүмкүнбү, сахна ажарын унуткан адамдын жүрөгү болбосо керек.

- Рахмат сизге, эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, жолугуп койбойсузбу?

- Аа-а, качан?

- Бүгүн жолуксак жакшы болот эле…

- Азыр бир аз иштер бар, түштөн кийин бошмун.

- Анда сиз айткан саатта "Тахур" кафесинин алдынан жолугалы.

- Макул, мен үчтөрдө ошол жерде болом.

- Сүйлөштүк анда, - деп Табылды телефонун өчүрдү, Гүлшан ойлуу отуруп калды. Ошол кезде кезектеги спектаклге даярданып жатышкан. Репитициядан чыгаары менен белгиленген жерге такси менен жетип келди, ал келгенде Табылды күтүп турган.

- Оо-ой, сулуу кыз, кандай акыбал? - деп кош колун суна тосуп алды.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - Экөө кол алыша учурашып, кафеге киришти. Табылды мурдараак кафеге заказ берип койгон, отураары менен алдыларына тамак, арак-шарап келди.

- Келиңиз, тамакка караңыз, Гүлшан.

- Рахмат, - деп Гүлшан тамактан алып отурду. Табылды таттуу шараптан куюп, ага карады:

- Гүлшан, кел эми, бүгүнкү жолугушуубуз үчүн алып койолу.

- Сизден кийин.

- Мамилебиздин мындан аркы жакшырышы үчүн алып койолу, - деп Табылды бокалын Гүлшандыкына тийиштирип алып ийди. - Алып кой, Гүлшан, бул жүзүмдүн эле ширеси.

- Сиздин ден-соолугуңуз үчүн! - Гүлшан жылмая шараптан ууртады.

- Иштер кандай?

- Жакшы.

- Баары жайында болсо болду.

Тамактанып, шарап ичип, өткөн-кеткенден кеп салышып көпкө отурушту. Бир маалда Табылды:

- Гүлшан, мен сени жактырып калдым, - деди аялдын колун кармай. - Алты жылдан бери бойдокчулуктун, жалгыздыктын азабын жакшы эле тарттым, үйлөнүп алсак кандай болот?

- Мен ойлонуп көрөйүн, анын үстүнө театр адамы болсом, сизге кандай болоор экен? - деди аял күлүмсүрөй.

- Мен аскер адамымын, баарын түшүнөм, Гүлшан, сенин ишиңе тоскоол болбойм.

- Жашоо оюнчук эмес экенин билесиз да, көп ойлонуп чечиш керек, сиз да жакшылап ойлонуңуз. Балдарыңыз эмне дейт, мен үйдө отуруп сизге чай кайнатып берип, кир жууп, үй ишин жөндөй албасам кандай болоор экен?

- Гүлшан, иши кылса менин жанымда болсоң болду, балдар эбак эле үйлөн деген, көңүлгө жаккан келин жок ушул убакка келдим, сен да балдарыңа айтып түшүндүр, - деди Табылды Гүлшандын колунан өөп. - Кыргызча киши жөнөтөйүн.

Экөө көптөн кийин кафеден чыгышты. Гүлшан толкунданып турду. "Маданияттуу адам экен, керек болсо ишти таштап деле койсом болот. Мындай жакшы адамдын маңдайында болуу ырахат эмеспи, балдарыма керек болсо өзүм айтам", - деген ойдо Табылды менен коштошуп, үйүнө маанайы көтөрүңкү келди. Келини менен уулу өзүнчө турат, кызы да алыска тийген, кээде эле келип кетет, улуу баласы Бишкекте. Гүлшан жалгыз турчу. Диванга жатып алып, өзүнчө ойлонуп, эмки жолугушууда макул демек болду. Айтымында Табылды мурунку күйөөсү тараптан экен. "Мейли, менин кандай адамга тийгенимди көрсүн, андан өйдө болбосо кем эмес, генералга тийсем жакшы го, жашы деле мага ылайык экен". Ал ошентип ойлонуп жатканда агасынын аялы келди. Бир тууган агасы жакын жашачу. Эмилжандын аялы эки айылды бириктирбеген, бир айылды зериктирбеген ушакчы аял эле.

- Ой кайда жүрөсүң, эртеден бери келип таппай койдум.

- Иште да, эмнеге издедиңиз эле?

- Сага сүйлөшөйүн деп келгем, ушинтип жүрө бербей күйөөгө чык, бирөө колуңду сурап агаңа келип жатат. Балдарың өзү менен өзү, үйлөнтүп-жайлантып деги койдуң, эми өзүңдү ойло, колунда бар жакшы киши экен.

- Жеңе, ырас келбедиңизби, өзүм да сиз менен сүйлөшөйүн дегем, - деп Гүлшан ордунан турду. - Ал адамыңызды билбейм, бирок бирөө менен сүйлөшүп жүрөм, ошого турмушка чыгам.

- Агаң ошого тийсин деп жатпайбы, ал абдан бай экен.

- Ал деле бай, жеңе, байлыгынан да өзүнүн жакканы керек, жеңе, отставкадагы генерал, пенсионер.

- Ой, аның картаң неме го?

- Жо-ок, милициялар жыйырма беш жыл иштеп, пенсияга чыгышат, жаш эле…

- Өзүң бил анда, агаңа эмне деп айта барайын?

- Ал силерге киши жөнөтөт, силерсиз мен кайда бармак элем, жеңе, силердин уруксаатыңар менен гана боломун. Андан көрө Калилбек менен Аширбекке айтып койгула, алар эмне дээр экен? - деди жеңесине ойлуу карап. - Каршы болбос бекен?

- Аларды бизге кой, жакшы адам болсо, минтип жалгыз отурбай күйөөгө тийип ал да, жалгыздык жаман, - деди жеңеси Койсун.

- Макул, жеңе, ошол жакшы адамды эми таптым окшойт, - деп күлгөн Гүлшан жеңесин узатып чыкты. Ошондон көп өтпөй эле аны Табылды алып кетти. Бир жумадан кийин чогуу иштешкендерин кафеге чакырып, той өткөрүштү. Иштешкендери аларга белек-бечкек алып келип, каалоо-тилектерин айтып, жакшы отуруп кетишти. Гүлшан келишкен эки кабат үйгө келип, бактылуу өмүр сүрүп жатты. Жумушуна барып, кайра үйүнө шашып турат. Зухра экөөнүн мамилеси мурункудан оңолуп, алтургай сырдаш болуп калышкан. Зухра баарын унутуп, ага жакшы көз карашта, алтургай Тотухан да алар менен жакшы болуп алган. Эргешбайдын көңүлү тынып өз иши менен алек, кийин Тотуханды өзү иштеген театрга иштетип койду. Жумушка бирге келип, бирге кетишет. Бир күнү Тотухан көөнү айнып, ичкен-жегенинин баарын окшуп куса баштаганынан "Ашказаныма жел турса керек", - деп, дары алып ичип, үйдө калды. Аңгыча Супахан билгендей эле кызынан кабар алганы келип калды.

- Кел, апа, атамдар жакшы жатабы? - деп жаткан ордунан тура калды Тотухан.

- Келдим, ооруп атасыңбы?

- Ооба, көөнүм айланганынан жатып алгам.

- Эмне болуп? - Эне кызына үрпөйө карады.

- Билбейм.

- Үшүп калдыңбы?

- Жо-ок, - деди Тоту дасторкон жайып атып. - Жөн эле кускум келип.., эмеле дары ичтим.

- Койо турчу…

- Эмне болду, апа?

- Канча болду айызыңдын токтогонуна?

- Билбей да калдым, азыр жөн эле жүрөм го?

- Кудай берет деген ошол, кызым, боюңа болуп калгандыр?

- Койчу, апа, эми кайдан болмок эле, отуз бешке чыгып калдым…

- Унчукпа, эч кимге айтпа, кызым, эмнени кааласаң ошону же, кудай берем десе, өзү каалаган учурда берет, - деп Супахан кызынын боюна болуп калышын кудайдан тиледи.

- Кантип, апа, ишенбей турам, - деген Тотухан апасын карап, кубанаарын же ыйлаарын билбей томсорду. "Эгер төрөй турган болсом, Өмүржандан төрөсөм болбойт беле, өзүм каалап, жактырган адамымдан балалуу болгонумда эмне. Арман ай, биз сүйүшүп баш кошподук беле, кандай арман менен ажыраштык?" - деп телмирип отурганда Эргешбай кирип келди.

- Келгиле, апа? - деп Супахан менен учурашты.

- Келдим, балам, мен эртең балдардан улак алдырайын, түлөө өткөрбөсөк болбойт.

- Эмнеге, апа?

- Эч ким укпасын, Тотухандын боюнда бар экен, кудайдын ушунусуна шүгүр, балам, - деди Супахан акырын сүйлөп. - Эч кимге билдирбей эле койгула.

- Жакшы болгон тура, кимге айтабыз, улакты өзүм эле табам, - деди Эргешбай.

- Жо-ок, балам, ал биздин милдетибиз, ата-эне түлөө өткөрүп койбосо болбойт, кудай буйруп кызымдын бир өкүнүчү аткарылса болду, - деген эне ордунан туруп кетмек болду. - Мен эртең эрте келем, эртерээк таратып ийбесек болбойт. Силер эч ооз тийбегиле, ырымын толук аткарыш керек, - деп шашыла чыкты. Тотухан апасын узатып кайра кирди, өзүнчө ойго батып алган. "Кантип, боюма болот деп ойлогон эмес элем, апам жаңылып калган жокпу? Ушунча жыл төрөбөдүм, Өмүржан экөөбүз он жылдап күткөн бала эми болобу? Кудай ай, эмнеси болсо да төрөп алсам болду", - деп ичкери киргенде Эргешбай:

- Тоту, боюңда барын кайдан билдиң? - деп сурады.

- Билбейм, апам эле ошентип атат, кусканыман улам…

- Эски кишилер билет да, жакшы болот эле, экөөбүз соксойбой ортобузда бала болсо, бизге эрмек болмок, - деп аялын кучактап өөп койду.

- Ким билет, врачка эле көрүнүп тактабасам.

- Азыр, көрүнбөй эле кой, апам ырым-жырымын жасасын.

- Мейли, аны да күтөлүчү, апам өз оюндагысын койо бербейт, - деп күлүп калды келин.

- Ырым-жырым деген жакшы болот, айтканды угуп жүргүн, - деп эри мурдунан чымчый эркелетти.

Эртеси Тотухандын ата-энеси, бир туугандары келип улак союп, колу-коңшуларын чакырып батасын алгандан кийин өздөрү көпкө отуруп, ар кайсыны кобурашып отуруп, анан кетишти. Тотухан жумушуна барып келип жүрө берди, көрүнгөн тамакты жебейт, болгону алчага талгак болду. Күндө эки кил сатып алат, ошондон башка тамакка табити тартпай Эргешбай өзүнө өзү тамак жасачу болду. Качан арадан үч ай өткөндө гана куспай калды, ичи кыймылдаганда гана врачка көрүндү. Ай сайын врачтын кароосунан өтүп, көрүнүп турду. Төрөөр күнү келип, толготуп төрөт үйүнө барганда бир туугандары чогуусу менен келип, сыртта күтүп турушту. Көп узабай эле акушерка чыга калып:

- Сүйүнчү, уулдуу болдуңар, - деди эле, Эргешбай:

- Болсун, карындаш, оозуңа май, мына сүйүнчүң, - деп беш жүз сом карматты. - Кирип көрсөм болобу?

- Жок, бала менен эненин абалы жакшы, палатага чыкканда киресиздер.

Тотухан бошонуп алгандан кийин негедир көшүлүп уктап бараткан, акушерка коркуп кетти:

- Орозбекова, көзүңдү ач, Орозбекова!

- Ии-ий, эмне болду?

- Жакшы элесизби?

- Жакшы, - деп көзүн ачып, баланы сурады.

- Балаңыз жакшы, анан палатага барганда берем.

- Макул, уктай берсем болобу?

- Уктай бериңиз, башыңыз айланган жокпу? - деп кан басымын текшерип көрүп, анан чыгып кетти. Ошентип Тотухан баланын жытын искеп, бакытка магдырап турду. Ал антип төрөтканада жатканда бир чуулгандуу окуя болуп кетти. Кубанычы койнуна батпай барпалаңдаган Эргешбай уулдары менен кеңешип, келиндерине боорсок жасатып аткан. Акрам чын дилинен атасынын айтканын жасап, кой союп жатты. Акбар кечинде келип:

- Биз төрөлгөндө да ушундай кылдың беле, ата? - деди, бир аз кызуулугу сезилип турду.

- Анда дал силердей жаш элем, уулум, жаңы үй салып колдо жок убак, өзүм артистмин, апаңды тоок союп коноктогом, - деди күлүп. - Балалуу болуу бактысына эле жетине албай жууп жүргөм.

- Эми балалуу болдуң, үй-мүлктүн баары анда калат экен да?

- Силерди да үйлүү-жайлуу кылдым, эмне арманыңар бар, эгер апаңар болгондо башка аял алмак белем. Аргасыз алдым, силер өз оокатыңар менен болдуңар, мен жалгыз калдым.

- Ошондо дагы бизден уруксат алышыңыз керек болчу, балдарым бар деп ойлоп, уялып койбой жаш катын алдыңыз, эми ал төрөгөн баланы кастарлап жатасыз! - деди Акбар муштумун түйө.

- Ок, атаңа наалаттын баласы, мен силерди кор кылдымбы, экөөңдү тең окутуп койдум, иштеген ишиңер бар, эмне өктөңөр бар, ыя? Балалуу болсом зыяны тийет беле, силерге бир тууган болот! - деп Эргешбай дагы ачуулана карады уулун.

- Бизге аның бир тууган болбойт, андан көрө каткан акчаңды, малды бөлүштүрүп бер бизге, ошондон кийин гана мен ыраазы болом, - деп булдуруктаганда Акрам аны тыймак болду.

- Болду эми, сага эмнесин берет? Дилбарага сеп берди, бизди өз-өзүбүзчө жайлантты, аял албай сен экөөбүзгө барса карай алабызбы, кол карай турган боло элек али атам, андан көрө өзүнчө жашаганы жакшы го?

- Мен ыраазы эмесмин, малдан бөлүп берсин, болбосо аялы менен баласын үйгө киргизбейм, каякка барса ошол жакка бара берсин! - дегенде Эргешбай тура калып чаап жибермек болду эле, Акбар озунуп атасын артка түртүп ийди. Эргешбай чалкасынан түшүп жыгылып калганда уулу артын карабай чыгып кетти. Акрам атасын өйдө кыла койсо, каракушунан кан агып жатыптыр. Акбардын аялы үчөөлөп үйгө киргизип жаткырып, тез жардам чакырышты. Ал келгенче канды токтотууга канча аракет кылган менен болбоду. Догдурлар келип токтотуп, тез жардам машинеси менен ооруканага алып кетишти.

- Кан көп кетип калыптыр, азырынча укол менен карайбыз, абалы оор, - деди врач.

- Деги жакшы болуп кетеби?

- Үмүт аз, каракуштан жарака кеткен.

- Аман калабы дейм? - деп Акрам врачты жакасынан кармап жулкулдатканда ал:

- Айтып жатпаймынбы, үмүт аз, кан куюш керек, - деди алаңдай.

- Кан керек болсо, мен берем, алгыла каалашыңарча.

- Болуптур, азыр кыздар группаңды текшерсин.

- Мен анын баласымын, текшербей эле ала бергиле.

- Жигит, сабыр кылыңыз, кээде ата-баланыкы бири-бирине төп келбей калган учурлар болот, - деген врач Акрамды бир бөлмөгө киргизди. Анан кайра келип:

- Азамат, туура келет экен, - деп, кан алууга камынды. Бул учурда Эргешбай кагаздай купкуу болуп, эс-учун билбей жаткан. Акбар келбеди, үйдөн чыкканда эле барга кирип арак ичти. Көзү алачакмактап мас болуп отуруп, бир маалда сыра ичип отурган эки кыздын жанына келди:

- Чымчыктарым, кандайсыңар, чогуу отурсак болобу?

- Болбойт, бош эмес, - деди бири жактыра бербей.

- Ким бар, мен эмне алардан кем бекенмин?

- Күйөөбүз, сиз капа болбоңуз.

- Көпөлөк кыздарсыңар го, силерде кайдагы күйөө, бир түнгө төлөгөнгө жарайм, кана кимиң барасың? - дегенде бири тура калып жаакка чаап жиберди. Акбар жаагын сыйпалай жалдырап турганда ары жактан эңгезердей эки жигит басып келди.

- Бул ким? - дешти отуруп жатып кыздарга олурая карап.

- Эмнеге бизден сурайсыңар, өзүнөн сурагыла, - деди кыздардын бири.

- Жигит, эмне керек сага?

- Мага, эч нерсе… - Акбар аларды бир көзүн араң ачып карады. - Бул кыздардын бирине уруксатпы? - деди үстөлдү сүйөнө теңселип.

- Эмне кыласың?

- Бир эле түнгө…

- Сыйың менен кетип кал, булар күйөөлүү аялдар, шакаба кыла турган кандай акың бар? - деп бири ызырынып тура калды. - Бирди көрө элегиңде кетип кал!

- Ха-ха, ушулардын күйөөсү болсо алар кайда? - дегенде тумшуктан ары бир муштады. Акбар сенделектеп барып кайра оңолду да: - Дагы бир койчу, эс алып калайын, - деди. Ошондо беркиниси дагы тура калып, аны ичке бир муштады. Ошентип мушташ башталды. Экөөлөп ур-тепкиге алып киргенде бардагылар дыр койо качып чыгышты. Акбар экөөнө алы жетпей баратканда полдо жаткан бош бөтөлкөнү ала коюп, бирин башка урду. Анысы күп этип кулап түштү. Кафенин кароолчусу үч-төрт милиция менен келип Акбарды алып кетти. Ошентип ал түрмөгө түштү. Тотухан Эргешбайды күтүп жатып, анан апасы барганда үйүнө чыгып келсе, келини Гүлчахра бар экен. Ал кайнатасы жаткан ооруканадан келип, тамак жасап төрөтканага камынып аткан. Акрам болсо ооруканада, атасынын жанында.

- Эргешбай кайда кеткен? - деди Супахан саал капа болгон түр менен.

- Атам катуу жыгылып ооруканада, Акрам карап жатат, - деп Гүлчахра калп айтып койду.

- Кайдан жыгылыптыр? - Тотухан чочулай сурады.

- Үйдөн эле, чалкасынан жыгылган экен, эч нерсе билбей жатат.

- Мен барайын, апа, сен баланы карай тур, - деп Тотухан ооруканага жөнөдү.

- Карангүн ай, жакшы болуп калаар, сен жаңы төрөгөн аялсың, койо турса болбойт беле? - деп кейиди Супахан.

- Эже, бир аз барып келээр, барса барсын, өзү көрүп келгени жакшы, кейибей отура туруңуз, - деп Гүлчахра ага тамак алып келди. - Койду союп даярдап койгон, эмне болуп кеткенин билбей калдык, ооруканага жеткиче кан токтобой көп кетип калыптыр, - деп сүйлөп отурду. Али көзүн ача элек наристе болсо эч нерседен капарсыз уктап жатат, ал азыр дүйнөгө жаңы гана келээри менен атасыз калаары менен иши жок, быпыйып таттуу уйкуда. Бир топтон кийин Тотухан үйгө ыйлап кирди:

- Апа-а, Эргешбайдын абалы оор экен, эми кандай кылам?

- Кудай де, балам, алдагы баланын да ырыскысы бардыр. - Супахан кызын сооротуп жатты.

- Акрам кан берди, жакшы болуп кетээр. - Гүлчахра дагы арсар айтты. Үчөө үч жерде үңкүйүп отурганда Акбардын аялы кирди:

- Ата-баланы уруштуруп, мурун төрөбөгөн аял минтип төрөй койгонун кара, көрсө байлыгын ээлеп калуу үчүн ойлонгон экенсиң да?! - деп кирип келип эле Тотуханга асылды.

- Ай-ай, Таңсулуу, бул эмне кылды, айланайын, байлыкты адам табат, бизде да бар байлык деген. Силердикине таңсык эмес кызым, жөн байлыкка караганда табылгыс байлык бала болот. Андай десеңер кызымды биерге бир күн дагы койбойм! - деди Супахан жини келе.

- Таңсулуу, кудагый туура айтат, сага эмне болду, күйөөң үйдөбү?

- Аны милиция алып кетиптир…

- Эмнеге?

- Сиздин күйөөңүз арызданса керек.

- Акрам атамдын жанынан чыккан жок, мен бияктамын, эч ким билбесе ким айтмак эле?

- Жеңе, билбейм, кафеден кармап кетиптир, - деп Таңсулуу аныгын укса да, айткысы келбей туюк жооп берди.

- Капырай, Акрам куда эмнеге арызданмак эле? - деди Супахан бир нерседен күмөн санай.

- Ишиңер болбосун, бул биздин үй-бүлөлүк сырыбыз, - деп Таңсулуу кагып ийгенде Тотухан ачуусуна келе ага атырылды.

- Кагынбай кал, кагынсаң апамдын жашына жетпей кал, биз эмне кылдык сага, эриңди биз каматкансып, аңкылдайсың да?

- Сен төрөбөсөң баары жайында болмок, балээнин баары ошондон чыкты, эми балаңа метирке алып койдуңбу? - деп ага кайра карады.

- Ишиң болбосун, мен силерге айтып алмак белем, атасынын атына жазылат да, же мен көчөдөн төрөдүм беле? Атүгүл бул үй да мага караштуу, баарын мурун эле бүтүрүп койгом, - дегенде Таңсулуу кыйкырып кирди. Анткени Акбарды ошол күүлөгөн болчу, болбосо ал андайга бармак эмес. Алар антип урушуп-талашып жатканда Эргешбай көзүн ачты:

- Тоту, Тоту жок беле? - деди алсыз.

- Жок, азыр эле кетти.

- Анда эртең үйдөгү тамдын документин мага алып келчи.

- Эмне кыласың, ата?

- Балам, көзүм өтүп кетсе, тиги бала менен Тотухан көчөдө калбайбы, Акбар аларга күн көргөзбөйт го? - деди кыңылдай.

- Азыр барайынбы?

- Ооба, тез алып кел, Тотухан үйдө болсо, ээрчите кел.

- Макул, - деп Акрам ордунан туруп ыргылжың боло үйүнө жөнөдү. Ал инисинин милицияга түшкөнүн укса да атасына айткан жок. Тотухан эринин абалы оор экенин көргөндөн бери коркуп жатты. Акрам атасына айтпай үйдүн документинин арасына актай барак кошуп алды. Ал дагы үй-жайды, малды Тотуханга өткөргүсү келген жок, документти атасына берип, карап турду.

- Мен арыз жазып берем, сен баарын бүтүр, уулум, сага ишенем, ал дагы силердин бир тууганыңар, - деди Эргешбай онтолой кагазга арыз жазып жатып.

- Эмнеге минтип атасың, жакшы болуп кетесиң, мунун эмне кереги бар эле?..

- Керек, балам, кокус ары карап кетсемчи…

- Андай дебе, жакшы болуп кетесиң, - деп Акрам капаланып турду. Эргешбай ошол күнү жакшы отурду, түнүндө ысытмасы көтөрүлүп, алдастап жатты. Тотухан үйгө отура албай тез-тез келип турду. Кийинки келгенде эри эч нерсе билбей жөөлүп жаткан. Каракуштан кеткен жаракадан улам жаны кыйналып үч күн жатты. Анын катуу экенин угуп, Дилбара менен Махмуд Бишкектен келген. Кызы жанынан чыкпай:

- Ата, атакебай, эмне болду, аман-эсен жүрсөңүз болбойт беле, апамдан эрте ажырадым, эми сиз көп жашасаңыз боло, атакебай, - деп колунан кармап, ботодой боздойт. Эртеси Эргешбай эсине келе кызына бир карап:

- Кызым, иниңе кара, ошону жетимсиретпегиле, - деди.

- Антпе, ата, андай дей көрбө!

- Кызым, сабырдуу бол, мен эчтеке болбойм, барып иниңди көр! - деп ары карап кетти, ошол убакта дагы ысытмасы көтөрүлүп, жан-алакетке түшө баштаган. - Акбар кайда, келип кетсинчи, - дегенде Акрам:

- Ал жок, ата, үйүнө барбаптыр, - деди.

- Мен ага капа эмесмин, айткыла, келип кетсин, - деди онтолой, медсестра укол салды. - Тотухан мага келсинчи.

- Макул, ата, мен барып алып келем, - деп Дилбара үйүнө кетти. Ал келгенде Гүлчахра ага баарын айтып берди. Акбар бөтөлкө менен койгон жигит ошол эле жерден жан берген экен, күчөтүлгөн тартип менен эч кимге көрсөтпөй камап салышты. Эргешбай бирде эсине келип, бирде дөөрүп, бир жума кыйналып, улам Акбарды сурап жатып, көз жумуп кете берди. Акрам Россиядагы агасына телефон чалды эле, ал койордо жетип келди. Ыйлап-сыктап атасын жерге беришти. Тотухан кыркына чейин болду, ал эч жамандык ойлободу. Бир күнү уулу менен үйдө жалгыз отурса, Акрам кирип келди.

- Сиз биерден кетишиңиз керек, үйдү сатабыз?

- Эмнеге, балам турат, кайда барам?

- Аны билбейм, Акбардын сотуна акча керек болуп жатат, сатыш керек, эми атам болбогондон кийин биерде туралбайсыз го?

- Мен анда арызданам, балам бар, ЗАГСыбыз бар, мен сотко берем, мени чыгара турган акыңар жок, - деп келин ачуулана карады.

- Ал баланын бизге кереги жок, ушунун төрөлүшү атабыздан айрыды, эми өз оокатыңызды өзүңүз кылыңыз, - деди Акрам сыртка чыгып баратып. - Эртең бошотуп коюңуз, өзүңүзгө тиешелүүнү гана алыңыз.

- Эч жакка чыкпайм, сотко арыз берем, качан соттун чечими чыкмайынча эч жакка кетпейм!

- Көрөбүз, - деп коюп Акрам чыгып кетти. Тотукан ыйлап алды, күлүшүп калган уулуна Улан деп ат койгон, аны кучактап алып: - Эми бактынын даамын татып, төрөбөй калдым деген өкүнүчтөн арылганда уулум жетим калды. Неге мен бул үйдөн кетет экенмин, силерге бирди кылып анан кетем, - деп үй ичин чача баштады, апасы берген төшөктөрүн бөлүп, сандыктарды ачты. Үйдө үч сандык бар болчу, бирин такыр ачкан эмес, ошону ачып көрдү. Анда Шааркандын кийим-кечелери менен алтындары, бир барак кагазга жазылган каты бар экен. Ал Дилбарага жазылыптыр. "Кызым, сен чоңойгондо ушул сандыкты ачып, менин буюмдарымды көрөөрсүң, азыр сен жашсың, мен бул оорудан сакая албайт окшойм. Атаң үйлөнөм десе каршы болбогула, агаларың үй-жайлуу, сени өз колум менен бере албай кетип жатам, аттиң, менин карманган буюмдарымды өзүң ал, апаң Шааркан", - деп коюптур. Алтындарды бекитип алды, жаңы маталарды алып түйүнчөккө түйдү да, апасына жеткирип келди. Экинчи сандык темир болгондуктан, ача албай ачкычын издеп жатып, зорго тапты. Анда толтура акча бар экен. Аны алып, сандыкты кайра кулпулады. "Мага бул акча жетет, бир бөлмө үй сатып алам", - деди да, өзүнүн буюмдарын алып, ата-энесиникине көчүп кетти. Эргешбайды өз баласы түртүп ийгени элге жайылып кеткен. Аны угуп Тотухан ойлонуп калды: "Демек, баласына байлыкты берип койот дешкен тура, кызганып урушушкан экен, өлүп кеткирлер десе, балама зыян кылбасын" деп алардан коркуп, арыз да жазган жок. Уулу чоңойгон кезде эч кимге айтпай барып, бир бөлмөлүү үй алды. Улан үчкө чыгып калган, Тотухан ата-энесине акча жөнүндө айткан эмес, үйгө көчкөндө гана билишти.

Адамдын жашоосунда баары боло берет экен, кээде таптакыр күтпөгөн окуялар болуп жүрөк оорутса, кээде кубанычтуу кабар көңүл толкутат. Дилбара иштеп калды. Балдары чоңойгуча үйдө болду, алар окуп калганда гана өзү менен ээрчитип алып мектепке барат, азыр ал лицейде мугалим. Данил үчүнчүдө окуганда Даниел биринчи класска кирди. Махмуд болсо өзүнүн ишканасын иштетип, улам иши өркүндөп, тааныштары көбөйүп, кадыр-барк күтө баштаган. Рашид эки жыл ичинде өзүнө үй алып, үйлөнгөнгө жетишти, өзү жалгыз, ата-энеси жок болчу, жакын туугандарын деле жакшы билбейт. Махмудду үйлөнгөндө чакырып, өкүл ата койду. Ошентип бир кезде курсак тойгузуу үчүн чөнтөкчүлүктү үйрөнүп, андан кийин өзү балдарды тейлеп баарын бутуна тургузуу үчүн жандалбас урган Рашид эми Махмудка ыраазы. Дилбара алар менен катышып, өкүл кызына жакшы карап, биринчи баласында бешикти өзү алып барды. Ошондо Акрам алардыкына келип:

- Апамдын каты, муну үйдөн таптым, сага калтыргандары бар экен, барып ал, үйдү сатып Акбарды бошотууга аракет кылалы, - деди.

- Үйдү сатпагыла, аке, сиздин деле балдарыңыз бой жетип баратат, мен Акбар акемди кечирбейм, эгерде ал болбосо, атам тирүү болмок.

- Эми аны козгогондо эмне, күнөөсү башкадан далилденди, жеңелериңдин оозу ачыктыгынан элге жайылып кетти, ушуну Таңсулуу эле кылды окшойт, кантсе да бир тууганыбыз го?

- Жок, аке, мен аны уккум келбейт, атам үйдө Тотухан эжени калсын деп арыз жаздым деген. Сиз аны кетирип ийипсиз, бул адамгерчилик эмес. Жаман болсо дагы биздин бир тууганыбыз эле го, неге кетирдиңер? Атамын өлөөрдө айткан сөзүн аткарган жоксуңар, - деп Дилбара ыйлап отурду. - Уланды өзүбүзгө тартышыбыз керек болчу, аларды кайра үйгө апкелиш керек.

- Дилбара, кайдагыны айтасың, ошол бизге бир тууган болуп береби, аны үйгө алып келбейбиз.

- Ал үйдү сатканга менин да уруксатым керек, аке, ошондуктан мен сатууга каршымын!

- Акбарды бошотуш керек, ал кыйналып жатат.

- Өз жазасын өтөй берсин!

- Ушунчалык таш боорсуңбу, карындашым?

- Таш боорлук эмес, атама ажал алып келгени үчүн жек көрөм!

- Койсоңчу, ал эми ажал да, сен кечиримдүү бол, Акбарды алып чыгалы, балдары турат. Таңсулуу болсо балдарын карабай көрүнгөн жерде жүрөт, балдары бизге келет корголоп, таятасына барат, жаман болду… - деп Акрам түнөрүп отуруп калды.

- Атамдын акыркы керээзин аткарбасаңар, мен баары бир кечирбейм, - деп Дилбара көгөргөндө Махмуд сөзгө аралашты:

- Анда үйдү биз сатып алабыз.

- Махмуд, чыр үйдү эмне кыласың?

- Жок, мен сатып алып, Тотухан жеңени киргизем, сен экөөбүз карап турабыз.

- Макул, толук документти өткөрүп келгиле, мен Тотухан жеңемди таап сүйлөшөм, - деди Дилбара.

- Бул болбогон сөз, мен ал үйдө анын жашаганын каалабайм, ошол аял үчүн атам менен Акбар уруша кетти, болбосо өйдө карачу беле? - деп Акрам да көгөрүп туруп алды.

- Ата-энемдин ордун башка бирөөгө ээлетпейм, аке, очогунун отун өчүрүп силер кылдыңар. Жок дегенде куран окутканыңарды кудай билет, апамды болсо таптакыр эстебей калган чыгаарсыңар? - деди агасына жинденген Дилбара. - Ошол тырмактай баланы түтүн булатсын деп коюп койо турган элеңер…

- Кой, мен кеттим, Акбардын кызын сен алып окутсаң боло?

- Канчанчы окуйт?

- Бешинчи класста, биздин балдар да көп, жети баланын үстүнө кантип багабыз, үч баланын бири таятасында, экөө эптеп үйүндө жүрөт, балдары тарап кетти. Таңсулуу акылы жок келин экен, Акбардын соту болоору менен шаарга баса берген, келбейт дегени го? - деп кейиди.

- Анда Лиананы мен алып келип алайын, бир туугандыгым ошол болсун, берки үчөөнүн бирин сиз кошуп алыңыз, экөөнү таяталарына бериңиз, - деди Дилбара.

- Ансыз деле ичкен-жегени бизден, кечинде кетип калышат.

- Мейли, ошо балдарын ойлобой эмнеге ичип, кылмыш кылат, сиз жеңем экөөңөр жети баланы тарбиялап отурасыңар, Таңсулуу жеңем ошол бойдон кайрылып келген жокпу?

- Жок, анда уят-намыс деген жок экен да, күйөөгө тийип алган имиш.

- Кийин өзү өкүнөт, аке, - деп, Дилбара ал күнү агасын кетирбей коноктоп, бир сыйра кийинтип, балдарына кийим-кече алып берди. Андан кийин Махмуд экөө кеңешип туруп, миң доллар беришти. Акрам ыраазы болуп, үйүнө кайтты. Келип эле сотко арыз менен кайрылды. Балдарынын жалгыз калганын, аялынын күйөөгө чыгып кеткенин, өлгөн адамдын өзүндө да күнөө бар экенин жазып, таштап келди. "Өзүн коргогон" деген соттун чечими менен анан дагы мунапыска илинип калып, Акбар акыры бошонуп чыкты. Кантсе да акчанын күчү, эки жолу сот болуп, жазасын сырттан өтөй турган болду. Акбарды үйүнө алып келген Акрам:

- Балдарыңдын кебетесин кара, аялың сени ойломок турсун балдарды карабай кетти, - деди. - Эми акылыңа кел, атам бечара сени сурап жатып өлдү, сен туура эмес кылдың.

- Ошонун баарын кулагыма куйган, тукурган ошо Таңсулуу да, анын тилине кирип алып туура эмес ишке бардым, түртөйүн деген эмесмин, жөн эле колумду шилтегем… - Акбар күнөөлүү күңгүрөндү. - Ошол катын эми көзүмө көрүнсө, башын жулбасам элеби.

- Эми тынч бол, сени текшерип турушат, дагы беш жыл үй түрмөң бар, тынч жүрбөсөң кайра камап коюшу мүмкүн.

- Балдарды карайм, эптеп ошолорду чоңойтконго иштешим керек, Таңсуулуну келсе да киргизбейм, - деп унчукпай калды. Акрам түлөө өткөрүп, бала-чакасы менен ошол жерде болду, анан инисине:

- Махмуд менен Дилбара болбосо кандай болот эле ким билет, үйдү болсо тигил аялга бергиле деп жатат, атамдын да акыркы керээзи ошол, - дегенде Акбар баш көтөрдү:

- Мен туура эмес кылдым, бериш керек, алар ошол жерде жашап жатабы?

- Жок, ошондо эле кетирип жибергем.

- Туура эмес болгон экен…

Ага-ини биринин сөзүн бири кубаттап, сүйлөшүп отурушту. Убакыт өткөн сайын Акбар өзүнчө кыжаалат болуп жүрдү. Ал базарда иштей баштаган. Бир күнү кечке жуук үйгө Таңсулуу кирип келди, колу-бети кесилген, кийими жүдөңкү, өзү өңдөн азып кеткен. Ал киргенде эки кичирээк баласы:

- Апа-а!

- Апам келди! - деп барып кучактап калышты. Акбар туруп келип:

- Кайда жүрөсүң? - деди ызырына.

- Иштейм деп барып келалбай жүрдүм да…

- Сени балдарды таштап коюп иште деген ким?

- Өзүм эле…

- Ок эн-неңди, менин көзүм жокто төрт баланы таштап жоголупсуң. Эми эмнеге келдиң? Кайсы бетиң менен келдиң же күйөөң жакшы бакпай койдубу, ыя? - деп жаактан нары тартып ийди. - Мени ушуга түрткөн да сенсиң, кулактын кужурун алып айта бербесең, атам да өлбөйт болчу. Азыр үйүңө кет, эми мен сени менен жашай албайм, ушуерде туруп, ата-энең келип учурашканга да жарабады, сен мен үчүн өлгөнсүң. Балдардын бирин да ээрчитпей жогол азыр!

- Акбар, мен кайда барам, мени балдарымдан ажыратпа!

- Эми эсиңе келдиңби, үч жылдан бери кайда жүрдүң?

- Айтып жатам го, сени куткарганга акча таап келем деп эле кеткем. Иш болбой кыйналдым, акча жыймак тургай зорго курсак тойгузуп, өлүп кала жаздап араң келдим. Мени кечир, Акбар, балдарымдан айрый көрбө! - деп чөк түшө калып ыйлап жатты.

- Күйөөгө тийип кетиптир деп айтып жүрүшөт го?

- Каяктагы күйөө, ушак ал, мен талаада иштеп, эптеп жолго акча таап келдим, кебетемди көрбөйсүңбү? - деп ыйлай берди Таңсулуу.

- Эгерде артыңдан бир сөз уксам, өлтүрүп койом, балдарың менен бир бөлмөдө жаша, мен биякка башка аял алам, - деди Акбар аны сынап.

- Эмнеге, Акбар, андан көрө мени өлтүрүп ташта, ал кордуктан көрө өлгөнүм дурустур, антип мени жазалай көрбө, болбосо ушул босогодон эле кетейин, мага ишенбесең айла канча? - деп артка бурулуп чыгып баратканда эң кичүүсү бучкактап койо бербеди, экинчиси да жетип келди.

- Апа, кетпе эч жакка, биз сени сагындык, апа!

- Кетпечи, апа! - деп жылдырбай кармап жатканда кызы эсине келип:

- Лиана кайда кеткен? - деди Таңсулуу.

- Аны Дилбар эжем алып кеткен.

- Качан?

- Көп болду, ошо жактан окутам деген.

- Ии-ий, - деди ойлуу. Акбар үндөбөй эшикке чыгып кеткенде балдарын ээрчитип кетмек болду эле, Эсенбеги:

- Мен таятамдыкына барбайм, - деди.

- Мен дагы барбайм, алар атамды киши өлтүргүч деген, - деп Асанбеги да кошул-ташыл болгондо Таңсулуу уулунун оозун баса калды.

- Болду, атаңар укса жини кармайт, - деп бурчта бүрүшүп отурду. Акбар агасына барды. Аларга аялынын келгенин айтты эле, Гүлчахра менен Акрамдар чогуу келишти. Аларды көрүп Таңсулуу тура калды. Таңсулуунун кебетесинен эле анын кордук көргөнүн байкаган беркилер үндөшпөдү, учурашып гана тим болушту. Алар үй-бүлө бузулбасын деп унчугушкан жок. Таңсулуу өзү да кайнагасы менен абысынын жүзүнө тике карай албай ыңгайсыз абалда отурду. Ошентип Акбар балдары үчүн Таңсулууну кайра кет дей албады, ансыз дагы үч жыл жетимдин күнүн көргөндөрү жетет. Дилбара Лиананы өзү иштеген мектепке киргизип койду, ал сабакты жакшы окучу, аерден эркин окууга өтүп, ого бетер окуучулардын алды болуп калды. Таңсулуунун үйүнө барганын угуп, Дилбара ага кайрылды:

- Лиана, апаң үйгө барыптыр, кетесиңби?

- Эмнеге, эже, мен апамды жек көрөм, атам кетээри менен бизди карабай кетип калып, атам келгенде келип калганы жакшыбы, алтургай апа дегенден уялам.

- Кой, антпе, барбасаң мейли, бирок апаң жөнүндө жаман сүйлөбө. Сен али баласың, кызга эне табылгыз зат, энени капа кылган болбойт, аз күндө каникул болот, барып келели, макулбу?

- Макул, эже, бирок апамды кечире албайм, төртөөбүздү таштап кетип калганы жакшыбы?

- Эчтеке эмес, сен баласың, кечиришиң керек, жеңем ошондой акыбалга туш келген чыгаар, акем камалганга чыдай албай ошенткендир. Ар кандай мүнөттөр болот, шок болуп өзүнүн эмне кылаарын да билбей калгандыр…

- Ошондо деле жаш балдарын таштай качканы туура эмес, эгер атамдын ордунда болсом кечирмек эмесмин, - деди Лиана чоң кишидей мостойо. Дилбара унчукпай калды. Махмуд ошол арада көптөн бери көксөп жүргөн машинасын алды. Эки айдан кийин каникулга чыгып, балдары менен Лиананы салып алышып, айылга жөнөштү. Кечке маал Акрамдын эшигине "жип" машинеси токтоду. Гүлчахра өзү чыга калып, аларды көрө жадырап-жайнап тосуп алды:

- Келгиле-келгиле, кандай, жакшы келдиңерби?

- Келдик, жеңе, өзүңөр кандай жатасыңар?

- Жакшы, кудайга шүгүр, киргиле үйгө, - деп ичкери киргизди.

Акрам күйөө баласы менен карындашын абдан сыйлады. Акбар карындашынан тартынып келбей аткан, аны чакыртып алышты. Таңсулуу да уялып зорго келди. Ошондо бир туугандар көрүшүп, ыйлап-сыкташып, атасын жоктошту, куран окутушту. Анан бир чечимге келип, Тотухандын ата-энесине барышты эле, алар анын турмушка чыгып кеткенин айтты. Аргасыз кайра кайтышты. Эки-үч күн жүрүп, анан Махмуддар кетмек болгондо Лиана кошо кетем деп болбой туруп алганынан аны да ала кетишти. Шаарда окуп, жакшылап билим алсын деп Дилбара да тим койду. Таңсулуу кызынын өзүнө карабай койгонуна ичи ачышып турганы менен унчуга албады.

Зухра менен Гүлшан сүйлөшүп отурушту. Жакында оюн коюшмак, ролдорун айтып кеңешип атып, бир убакта Гүлшан:

- Сен уктуң беле? - деди Зухрага.

- Эмнени?

- Эргешбайды баласы сабап өлтүргөн имиш.

- Билбейм, аны деле укканым жок, андан көрө өзүң жөнүндө айтчы, Табылды кандай күйөө болду?

- Аябай жакшы, көзүмдүн агы менен тең айланат тим эле, келин-уулу жакын турат, мен барганча тамак жасатып, күтүп калат.

- Жакшы тура, багың ачылган экен.

- Кудайга шүгүр, туура эле кылган экенмин, балдарым деп жүрө бергенимде өмүрдүн кызыгын көрбөй өтүп кетмек экем. Эми конокторго барганыбызды айт, экөөбүздү аябай сыйлашат, андан дагы балдарынын сыйын айт, - деп калпты-чынды койгулаштырып сүйлөп жатты. Зухра анын сырын жакшы билгендиктен, баш ийкеп гана койду. - Баса, жакында Табылдынын туулган күнү, алтымышка чыгат, чоң той берет го, сен сөзсүз баргын, ээ?

- Чакырган жерден калба дейт го, чакырсаң барбай анан.

- Сөзсүз баргын, Табылдынын достору бүт генерал-майорлор, бирине жагып калсаң ажеп эмес.

- Эмне генерал-майорлор бүт эле бойдок бекен? - Зухра күлүп калды.

- Бир бойдогу бар, эгер көңүлүңө жакса эмне, тийип ал да.

- Койсоңчу, эми болбой калды го, ушул жашымда ар кимге жаман көрүнүп жүргөнчө тынч эле неберелеримди багып, ишимди иштеп жүрө бергеним жакшы.

- Өзүң бил, - деди Гүлшан, анткени кызы келип капаланып ыйлап кеткен болчу, ошону ойлоп унчукпай бир аз отуруп анан: - Мен туура эмес кылганымды кийин билдим, балдарым унчукпаган менен кызым капаланып кетти, таарынып калды, - деди.

- Эми сеники деле туура, балдарың бөлүнүп кетип, өзүң жалгыз калбадыңбы, менин келин-уулум чогуу жашашат, көзүмдү карап, апалап турушат, анан кантип күйөөгө тийем?

- Менин келиндерим кубанды окшойт, ыймандуу келин болсо бир жөн, уулум болсо аялынын сөзүнөн чыкпайт, - деп Гүлшан келиндерин жамандай баштады. Ошентип сырдашып отуруп, анан өз иштерине киришишти. Ырасында эле Гүлшандын келини аны жаман көрүп, баласын карматчу эмес. Баласы аялынын тилинен чыкпай бөлүнүп кетишкен, эки келини тең өз-өзүнчө жашап, Гүлшанга балдарын жолотпой койгон. Кызы Эльвира алыска турмушка чыккандыктан, эч нерсе билбей ага таарынып кеткенге ичи ачышып турган чагы. Зухрага суктанып алды. "Кандай бактылуу аял, келиндери сыйлап турат, ыймандуу келиндери бар" деп ызалана үйүнө жөнөдү. Келсе Табылды күтүп жаткан экен.

- Келдиңби, Гүлшан?

- Ооба, репитициядан кеч чыктык.

- Мейли, үйгө коноктор келип калды, сени көргөнү эжем менен карындашым келиптир, - деп жаш жигитче далдаңдай сүйлөдү. - Жакшылап учураш, аларга жагышың керек.

- Жакпасамчы?

- Сөзсүз жага турган бол.

- Ма-акул, - деп көзүн сүзө кылыктанып койду Гүлшан.

- Мага дал ушунуң жагат да, кир эми үйгө, - деп экөө ээрчишип үйгө киришти. Гүлшан төрдө отурган жетимиштерге келип калган кемпир менен элүүлөрдөгү аялды көрүп, баш ийкей:

- Келиңиздер! - деди сыпайы гана.

- Келдик, өзүң кел, айланайын, - деп кемпир колуна жоолук ала өйдө болду. - Табышым үйлөндү деп угуп келип калдык, садага болоюн десе, ак жоолугуң башыңдан түшпөй ак жолтой бол, - деп жоолукту башына салды. Карындашы да келип жоолук салды, аларга тамак асып коноктошту. Мукарам менен Сажира атайын Табылдынын алтымыш жылдыгына келишкен эле, балдары даярданып атышат. Бир жумага чейин даярдык бүтүп, той өткөнчө эже-карындашы кеткен жок. Тойго көп адам чакырылды, өкмөттөн киши келип, сыйлык тапшырды. Уулдары токулуу ат мингизип, башына ак калпак, колуна камчы карматышты. Кызы өзүнчө ат мингизди. Кудалары, бир туугандары болуп урмат-сый көрсөтүп, Гүлшан анын жанында. Зухра да тойдо болду. Ал сыйлуу коноктордун арасында отуруп жанындагы адам менен таанышып калды.

- Зухра, бала-чакаңыз барбы? - деп сурады Үрүстөм таанышкандан кийин.

- Бар.

- Сизди сахнадан көрүп жүрөбүз, жакындан таанышканыма кубанычтамын.

- Мен дагы сиздей адам менен таанышканыма кубанычтамын.

- Бойдоксузбу?

- Бойдокмун деп айтыш бул жашымда уят го?

- Эч нерсе эмес, сиз али жашсыз, сизди элүүгө чыккан аял деп ким ойлойт, сахна адамдары эч качан карыбаса керек, ээ? - деп тийише сүйлөдү.

- Балким, бирок сахнада жүргөн адам өзүн-өзү карабаса болбойт экен да, элдин көзүндө болот экенсиң, жаштыгын байлап алган ким бар экен?

- Ооба, туура айтасыз, биздин иш да ушундай. Мен азыр пенсиядамын, пенсиядамын десем картаң экен деп чочубаңыз, - деп Үрүстөм корс-корс күлүп калды.

- Жок-жок, андай ойдон алысмын, - деп Зухра жылмайып койду.

- Жолугушуп туралы, эми биздин кез-кезде көңүл ачууга гана жолугуп тургандан башка эмнебиз калды, жаштыгыбыз өттү, сиз менен аз да болсо көңүл көтөрөлү, - деп сүйлөшүп четте турушкан. Бир кезде Зухраны бирөө чакырды. Көрсө, Гүлшан аны Табылды менен тааныштырып, өзүнчө коноктомок болуптур. Үрүстөм экөө катар басып келгенде Табылды:

- Оо, Үрүстөм бай, кандай, көңүлдүү отурасыңарбы? - деди бакылдай.

- Жакшы-жакшы, аксакал, сиздин тоюңузда көңүлдүү болбогондочу, илгерки байлардын тоюндай эле болду, анча-мынча кыз-жигиттер тымызын жолугушуп таанышканга бак деген кенен экен, - деп Үрүстөм да күлүп калды.

- Ой, азамат десе, бу сулуу кыздын атын угуп, телевизордон көрүп жүрөм, жакындан таанышсак дегенмин, биздин сулуу менен теңтуш, курдаш экен, - деп Табылды Зухраны карады. - Кана эмесе таанышып койолу, мени Гүлшандан уккандырсыз, атым Табылды. Ата-энем илгери таап алдык дешип сатып алышып, зорго токтогон бала экем, минтип пайгамбар жашына жетип калдым, - деди тамашага чала сүйлөп.

- Менин атым Зухра.

- Эң сонун, сиздей адамдар үчүн даярдалган дасторконго кирели, жүргүлө үйгө, - деди Табылды алдыга баштап. Чогуу бир бөлмөгө кирип, жайылган дасторкон четинен орун алышты. Келиндер кирип-чыгып, тамак-ашын алып келип жатышты. Койкойгон импорт арак-шараптар менен суусундуктар катар-катар тизилет. Күйөө баласы алардан рюмкаларга куюп, конокторду тейлеп отурду.

- Алыңыздар, атамдын бүгүнкү алтын тоюнда жакшы отуруңуздар.

- Рахмат, балам, силер болбосоңор мен кайдан? - деди Табылды.

- Сиздер бар ырысыбыз бар да.

- Рахмат, кем болбогула.

- Кана, эжекелер, бир сыйра сүйлөп коюңуздар.

- Макул, сүйлөсө сүйлөп койойун. Табылды аке, сизге ден-соолук, мындай жаштын дагы далайын жашаңыз, Гүлшан курбум экөөңөр татыктуу өмүр сүрүп, бактылуу болуңуздар! - деди Зухра рюмканы кармап:

- Рахмат, силер менен бирге бололу! - деп баары алып ийишти.

- Эми сиз сүйлөп койосуз го? - деп Адилбек күйөө бала Үрүстөмдү карады. - Бирге иштешип, бирге эмгек өтөгөнсүздөр, каалоо айтып коюңуз.

- Сүйлөбөй анан, Табыш акени адам катары да, иште чечкиндүүлүк менен күжүрмөн, эмгекчил адамгерчилиги бийик генерал, үйдө мээрман ата, тууганга, элге кадыры сиңген адам катары билем. Ошондуктан, Табыке, көп жашаңыз, жамандык көрбөңүз, ылайым урмат-сыйдын үстүндө жүрө бериңиз! - деди Үрүстөм.

- Рахмат, айтканыңар келсин! - деп той ээси ар бирине ыраазылык билдирип жатты. Көпкө отурушканга эшиктеги коноктор Табылдыны чакыра баштады. Чогуу чыгышкандан кийин коноктор жабыла бата беришип, чет-четинен узады. Зухра дагы Гүлшан менен коштошуп, жөнөмөк болуп жолго чыкканда Үрүстөм машинесин айдап келип:

- Зухра, жеткирип койойун, кел түш, - деди.

- Тим коюңуз, өзүм эле кетем.

- Ала качпайм, коркпой эле гой, - деп күлө карады. - Сиздей сулууну бир өппөй үйгө барып, кантип уктайм?

- Койсоңузчу?

- Койбой эле, тамаша, Зухра, жүрү кеттик, - дегенде Зухра акырын келип жанына отурду. - Буйрук бериңиз, сулуу.

- Айдай бериңиз, үчүнчү көчөгө.

- Оой, ошончо алыспы? - деди Үрүстөм дагы ажыкыздана. - Эртең ушул маалда жетебиз го?

- Ооба, ошончо алыс…

- Кеттик, - деп айдап баратып эле тык токтоду.

- Эмне болду?

- Май түгөндү.

- Көрүп алсаңыз болмок экен.

- Эсимде жок, шашып жөнөй берипмин.

- Эми эмне болот?

- Азыр, бир литр таба койом, - деп, Үрүстөм сыртта ары-бери басып туруп, анан арткы Зухра отурган эшикти ачып, жанына отурду.

- Эмне болду сизге, бул эле жерге өзүм кетип калайынчы? - деди Зухра козголо.

- Койсоңуз эми, бир аз ээн-эркин сүйлөшөлү да.

- Кызык экенсиз…

- Дүнүйөдө кызык адамдар болбосо, жашоонун кызыгы кайсы, Зухра?

- Түшүндүм…

- Мен сизди жактырып калдым, Зухра, бирок бойдок эмесмин. Сиз менен жакшы мамиледе болгум келет, жашырганда эмне, сизди кайдан табам?

- Мени театрдан табасыз.

- Жакшы, башка адамыңыз болсо, тоскоол болбоймбу?..

- Болгондо жакшы болмок…

- Эмнеге?

- Сизге каршы согуш ачтырмакмын.

- Анда кубанычтамын, - деп колунан кармап, жүзүнөн өпмөк болду эле, Зухра акырын ары түртүп койду.

- Жаштыгыңызга чиренип турган экенсиз, мен сизге картаңдык кылам го? - Кылыктана күлүп алды. - Жашыбыз эмес, ушул шоктонгон жагынан.

- Айтпа, Зухра, он беш жаштагыдай ээлигип турам, - деп Үрүстөм болбой эле Зухраны бекем кучактап өөп кирди. - Сизди катуу жактырып калдым.

- Үй-бүлөсү бар адамга ашыкчанын эмне кереги бар?

- Өзүмдүн үчүнчү жагым болуш керек, мен-сен, ал дегендей, аялымдын оорукчан болуп калганына көп болду, кыбырап балдарына баш-көз болгону менен төшөктө жокко эсе.

- Өкүнүчтүү, эмнеси ооруйт?

- Билбейм, диагнозу табылбады, оорукана-үй, үй-оорукана болуп, өзү менен өзү, байкуш. "Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы" дегендей, ал азыр кара жаны менен алек. Мен деле аны менен алектенем, бирок ден-соолугу чың адамга бир нерсе керек экен, - деп Зухранын төшүнө колун алып барды. - Денеңди жыйрыбачы, жаным, сени абдан жактырып калдым, - деп кофтасынын бүчүсүн чечти. Эркектин колу тийгенге магдырап турган аялды ошол салондо эле баса калды. Зухра кыңкыстай эки далыдан мыжыга көзүн жумуп ийди. "Эргешбайдан кийин таптакыр эч ким менен болбойм деп өзүмө убада бердим эле, кантейин мен дагы тирүү жан экенмин", - деген ой жүрөгүн эзип турса, эркектин жумшак колдору төшүн сыйпалап, үрпүнө келгенде чалкалай бүткөн боюн кере:

- Коюңузчу эми, токтотуңузчу… - деди акырын түртө. Үрүстөм аны сезип, ого бетер ныгыра басып, ич кийимдерин чечип киргенде: - Ах-ах! - деп алды Зухра.

- Жаным, жаш кыздай эле бар экенсиң, - деп шыбырады Үрүстөм. Көпкө чейин машина солкулдап, быш-күш эткен дабыш менен наздуу шыбыр салондун ичинде жаңырып турду…

- Кой, мени үйдөгүлөр күтүп калды, - деди Зухра өйдө боло.

- Сиздей аял менен бирге болгонум үчүн бактылуумун, - Үрүстөм шымын бүчүлөп жатып, дагы өөп койду.

- Аялдарды өзүңөр ушуга аргасыз кыласыңар, анан жеңил ой деп кеп кыласыңар, эми болушунча болду, келин-уулума түн ортосунда жетип барбай таң ата барайын, бир аз отуралы, - деди Зухра.

- Сиздин жаныңызда отуруу мен үчүн сыймык, - деди Үрүстөм колун ага арта. - Капа болгон жоксузбу, бир көргөндө эле ушундай абалга жеткенибизге?

- Жо-ок, бир гана ак денеңди көрүп, ак мамыкта балкып жатпай тар жерде болгонума өкүнүп кеттим. - Зухра шыңк этип койду. - Кээ бир эркектердей эмес экенсиз…

- Кандайча?

- Сыйлоо деген болбоду, сиз менин кадыр-баркымды түшүрүп, сен ким элең дегендей эле мамиле кылдыңыз.

- Кечирип кой, Зухра, жүрү кеттик мейманканага, - деп Үрүстөм салондун жарыгын күйгүзүп жүзүнө тигилди. - Бүгүнкү түндү экөөбүзгө Жараткан өзү берип отурат.

- Жо-ок, мага ушул жер ыңгайлуу, бир аз отурсак таң атып кетет, түнү бою тойдо болдум дейм да, - деп Зухра жылмайып алды.

- Мейли, Зухра, осолдугум үчүн кечир.

- Эч нерсе эмес, - деп аял сумкасынан Гүлшан салып берген шарапты алып чыкты. - Келиңиз эми, муну Гүлшан салып берди эле, эрмектеп отуралы, түн бакырдыкы дегендей.

- Болуптур анда, Зухра, - деп Үрүстөм шарапты ачып, желим идиштерге куюп, бирин Зухрага сунду. - Келиңиз, алып койолу!

- Ден-соолук үчүн алалы.

- Жолукканыбыз үчүн, - деп экөө тең ичип ийишти. Шарап түбүнө жетип калганда жерге жарык кирди. Экөө кол кармашып үн катпай ойлуу отурганда Үрүстөм:

- Зухра, - деди.

- Ийи.

- Сенин күйөөң бактылуу адам болсо керек, ээ?

- Болсо болгондур, айткан эмес.

- Адам бактылуу экенин учурунда сезбейт, бакыт колуңда турганда сезбей учуруп ийгенде билип, өкүнүп калабыз.

- Ооба-а, бирок өткөн нерсеге өкүнгөндө не пайда…

- Туура айтасың, ошон үчүн пенде турбайбызбы?

- Сизге баары үчүн рахмат, мен жөнүндө кеп болуп калса, мен аны билем дегендей эле болдуңуз, эми жолго түшөлү, - деди Зухра ага мостойо карап.

- Кечиресиз, мен сиз жөнүндө жакшы гана ойдомун, бирок сизди далай издеп келем го? - деген Үрүстөм рулга отуруп, айдап жөнөдү. - Мени унутпай жүр, жаман ойдо калба, Зухра.

- Жок-жок, жаман ойдо эмесмин.

- Ошондой эле болсун.

- Кам санабаңыз, баары жайында, - деп Зухра күлө карады. - Эми келип калдык, ушул жерден калайын, сизге рахмат!

- Оой, бат элеби?

- Ооба, келдик…

- Мен сени менен кыргыз көчү жүргөндөй эле жолдо жүрө бергим келет. Магнитиң күчтүү экен, таанышканыбызга үч-төрт саат болгонуна карабай өзүңө тартып алдың.

- Кошуңуз көрүшкөнчө, - деп Зухра түшүп баратып, колун булгалап коюп, ары көздөй басты. Үрүстөм аны артынан карап туруп: "Белгилүү адам да көп адамдын бириндей эле, төшөк деген белгилүү-белгилүү эмесине карабайт. Койкоюп кетип баратса кандай адеми, жаш кезинде мындан да сулуу болсо керек. Кеч болсо да бир болгонума кубанычтамын, мен эми сенден алыстабайм", - деп, аял короого кирип кеткенде гана ордунан жылды. Эрте туруп, короосунда жүргөн коңшусу жеңил унаадан түшкөн Зухраны көрүп: "Түндөп кайда жүрөт, бул дагы күйөөгө тийгени калган го, мындай жүрчү эмес эле, мында бир иш ба-ар", - деп коюп кирип кетти. Зухра үйгө кирип Гүлшан салып берген момпосуй менен боорсокту, эттерди үстөл үстүнө коюп, өз бөлмөсүнөн кийимин алмаштырып чыкты. Суу жылытып, жуунуп алды да, театрга шаша жөнөдү. Эрте келдим десе, андан мурун келгендер бар экен, алар менен учурашып гримерныйга кирди. Чачын оңдоп, күзгүнүн маңдайында бир аз отуруп, анан өзүнүн ролун жаттай баштады. Анын жашоосунда көп эле өзгөрүүлөр болду. Жолугушууларда, тойлордо же бир майрамдарда ар дайым анын атын угаар замат ач кенедей жабышкандар, белектерин тартуулап, сүйүүсүн таңуулап же колун сурагандар көп болгон. Бахадур өлгөндөн кийин Эргешбай менен гана жакшы жүрдү, ал өз аялындай кызганаар эле. Ушуларды ойлонуп алып: "Үрүстөм келбеттүү адам экен, менин эмнем коромок эле, эч кимге билгизбей жүрө берейин. Качанга чейин жалгыз жүрө бермек элем, жашым да өтүп баратат", - деп күрсүнүп алды. Картайып баратканын эстегенде жүрөгү "зырп" этти. Жүрөк деген баары бир эңсөөсү канбай, жаш кездегидей эле ээлигип турат экен. Ал эми карылык байкатпай келип, өз чидерин салган кезде да жүрөк чиркин моюн бербей өзүн жаш сезет тура. Элүүдөн эңкейе баштаганга өзүнчө тымызын өкүнгөнү менен баары бир өзүн жаш сезет. Ошол убакта анын жанына Гүлшан менен Сабира келди.

- Кандай, Зухра, жакшы жетип алдыңбы?

- Жакшы, өзүңөр кандай, тойду жакшы өткөрүп, эс алып калдыңарбы?

- Ой, айтпа, мен тойлук алып келдим, кайра эле кетем, жүрү ылдый ашканага түшөлү, аерде Табыш да бар, - деди Гүлшан.

- Мен барып жеп келбедимби, барбагандарга ооз тийгизе берсеңчи.

- Жо-ок, андай болбойт, директор да, Табыш да сени сөзсүз чакыр деп атат, бол эми күттүрбөй.

- Макул эми, - деп Зухра ордунан туруп, алар менен бирге ылдый түштү, баары чогулуп калышкан экен.

- Оо, Зухра айым, келиңиз! - деп Табылды тура калып, кол сунду. Анын мындай мамилеси Гүлшанга жакпай турду, ичтен кызганып алды. "Кайда болсун алдыда, эгер Табылды менден мурун көрсө жактырып калмак экен, күйөөсү деги жок, мындай адамга тийип алмак", - деп да ойлонуп ийди. Табылдынын Зухрага жасаган мамилесинин ар бири көз жаздымынан кетпеди.

- Кана, балдар, кыздар, даам ооз тийгиле, чогуу барсаңар болмок, - деди Табылды.

- Кечириңиз, биздин башка ишибиз чыгып калды, - деди директор.

- Эчтеке эмес, Гүлшан айым, мындан куй эми, балдар менен жакшылап отуралы, үйдө коноктор бар, аларга карабай силерге келе бердик, - дегенде Гүлшан арактан куюп ар бирине сунду, жаштарга шарап куйду.

- Кана эмесе, агай, сизге сөз берсек кандай болот? - деди Гүлшан.

- Аа-а рахмат, Гүлшан, мен эми Табылды Жанышбековичке эмне демекмин, сиздин кадыр-баркыңыздын улуулугун айтпасам да болоор, мындан ары да элге кылган кызматыңыздын акыбетин көрүп, үй-бүлөңүздүн, жерге-жээктин арасында дагы бир алтымыш жашты башыңыздан өткөрүп, аман-эсен жүрө бериңиз, ден-соолукта болуңуз! - деп көтөргөндө калгандары да көтөрүштү.

- Рахмат, айтканыңар келсин, силер менен бирге болсун, - деп Табылды баш ийкей жылмайып койду.

- Эмки сөздү Зухра айымга берсек, - деди Гүлшан атайын ага күлмүңдөй карап. - Менин жан курбум, көп жылдан бери бирге иштешип келе жатабыз. Кана, Зухра, сөз сенде!

- Мен эми кечээтен бери сүйлөп жатам, азыр сүйлөй электер сүйлөсө кантет?

- Улуусу да, сулуусу да сен болсоң, алар өздөрү деле сага беришмек.

- Болуптур эми, Табылды агай, сизге ушул жаштын дагы бирин, ден-соолук, бактылуу карылык каалайм, Гүлшан менен түбөлүккө кол кармашып жүрө бериңиз!

- Ой рахмат, айтканыңар келсин, Гүлшан мени чанып кетпесе эле болду, - деп Табылды кытылдап күлүп атты. - Силерден сурайын мени чанбасын ээ?

- Койсоң, Табыш, мен эмес өзүң чанып жүрбө, башканы жактырып калып.

- Андай болбойт, биздин Гүлшан адам кадырын жакшы билет, сиздей адамды таштабайт, - деп директор бапылдады. - Туурабы, Гүлшан?

- Туура, азбы-көппү калган өмүрүмдү Табышка тапшырдым, - деди Гүлшан. Көпкө отурушуп, анан баталарын берип ордуларынан турушту. Гүлшан Табылды менен кайра кетти. Ошол күнү Зухра ооругансып үйүнө эрте кетти. Эмнегедир эсине Үрүстөм келди: "Эркек деген карыса да эркек экен да, аял десе үстү башынан түшө калат, аялынын ооруп жатканына да карабай аялдарга тузак тартканын", - деп үйүнө кирди. Ойноп жүргөн небереси алдынан чыкты:

- Эне, энем келди!

- Оо, кагылайын десе, ырысым-көлөкөм, - деп көтөрүп ала койду.

- Мага эмне алып келдиң, эне?

- Сагабы, шашпа азыр, - деп калдастай калган Зухра сумкасынан момпосуй алып небересине карматты. - Кызыма шоколад алып келдим, жагабы, кызым?

- Жагат, дагы кө-өп алып келесиз, ээ?

- Ооба, сага алып келбегенде, иниң ыйлаган жокпу? - деп небереси менен сүйлөшүп үйгө кирди, Самира уулун бешикке бөлөп жаткан экен.

- Келдиңизби, апа?

- Келдим, кызым, Бурхан келе элекпи?

- Жок.

- Иий, уулуң ыйлаган жокпу?

- Ыйлаганда ыйлайт, кайра басылат, апа, азыр мен чай даярдайм.

- Өзүм деле ичем, кызым, азыр эле ичип келдим, шашпай уктата бер, - деп ичкери кирди. - Рахат, кызым, ойноп кеттиңби? - Артын караса небереси жок. - Ойноп кеткен тура тентек, - деп күлүп алды. Ал күнү бөлмөсүнөн чыкпады. Кагазын тиктеп отурса, Махмуд чалды, өткөндө кол телефон апкелип берген апасына.

- Алло, угуп жатам, уулум.

- Апа, ден-соолугуң кандай, иштериң жакшыбы?

- Ооба, балам, баары жайында. Балдар чоңоюп жатабы, Диля жүрөбү жакшы?

- Жүрөт, апа, салам айтып атат.

- Жатсаңар эле болду, бизден кам санабагыла, Рахат экөөбүз эмеле үйгө кирдик, неберелеримди алып келип кетсеңер боло? - деди эне уулуна.

- Жакында барам, апа, сенин туулган күнүңө барганы жатабыз. Апа кандай алтын жагат, колуңа кандай өлчөмдөгүсү туура келет, ошону сурайын дегем. - Уулунун телефондон жооп күтүп унчукпай калганын сезди.

- Уулум, алтынды эмне кылам, силердин амандыгыңар мен үчүн белек, садага.

- Жок, апа, кандайы жагат, айтсаң.

- Өзүңө, Диляга жакканы жага берет, балам.

- Макул анда, - деди Махмуд. - Рахатка эмне алып алайын?

- Өзүңөргө карагыла, кыйналбай эле койсоңорчу.

- Мейли, апа, эки күндөн кийин барам, жакшы тургула, - деди да, Махмуд телефонун өчүрүп койду. "Тобо-о, ушуну жакшы чыгарган экен, жатып алып да алыс жердегилер менен жаныңда тургандай сүйлөшүп, көрүшкөндөй болуп каласың. Ырас эле мен элүүгө чыгат эмесминби, эртең Бурханга айтып союш алдырайын, Махмуд келсе уят болбойлу", - деп оор улутунуп алды. Анын көңүлү тынып, балдарын жай-жайына конгону менен бир нерсе жетпегендей болуп турду, эмне экенин өзү да билбейт. Бир кезде Самира чайга чакырды, эч нерсеге көңүлү келбесе да ордунан козголду, ичпейм десем келиним көңүлүнө алып калабы деп тартынды. Бурхан аны көрүп:

- Апа, чарчадыңбы? - деди.

- Ооба, балам, иштер көп, кечке мээге күч келет да, балам. Махмуддар келебиз дейт, менин элүү жашымды өткөрөм дейт.

- Ырас эле, үч күндөн кийин туулган күнүң да, эсте жок, Махмуд унуткан эмес экен, эми ал бай болуп калбадыбы? - деп күлдү Бурхан.

- Анда даярданыш керек го, мен апамды алып келип, баланы каратып даярдана берейин, Дилбаралар келсе уят болбойлу, - деп Самира да күлүп калды. Зухра унчукпады, Бурханды билет, уккандан кийин өзү билип даярдык көрөт деп көңүлү жай бөлмөсүнө кирди. Ошондон эки күн өтпөй эле Махмуддар түндөп келип калды. Данил сегизге чыгып, Даниели жүгүрүп жүрөт, үчүнчүсү боюнда бар. Зухрага сөйкө-шакеги менен алтын чынжыр, жакалуу кымбат пальто, башына норка тумак алып келишиптир. Зухранын жаш кезиндеги сүрөтүн койдуруп, шаардан атайы чакыруу белетин жасатышыптыр. Аны таратып коюп, Махмуд чыгып кеткен, көп өтпөй базардан бир жылкы алып келди. Ошол күнү эле жылкыны союп, этин бышырып, чучук жасап даярданып жатышты. Убакыт жетип чакырылган саатка коноктор келе баштады. Зухраны куттуктаганы театрдагылар түп көтөрүлө келишти. Бөлмөсүнө гүл менен белектер толуп чыкты. Кыздары күйөөлөрү менен апасын куттуктап, бир сыйралары менен бирге машина белек кылышты. Иштешкендери жана өкмөттөн атайын киши келип, "Кыргыз республикасынын эл артисти" деген наам ыйгарылганын айтып, күбөлүгү менен төш белгисин тапшырышты. Андан кийин директорго сөз берилип:

- Эки уулуңдун, кыздарыңдын урмат-сыйын татып, кыргыздын чыгаан кызы болуп узун өмүр сүр, ар дайым ишиңде ийгилик болсун, Зухра! - деп колундагы гүлдү берди. - Ала-Тоодой эт кылып, ала көлдөй чык жасап, Көкөтөйдүн тоюндай болгон тоюң кут болсун!

- Рахмат сиздерге, - Зухранын сулуу жүзү ого бетер албырып, уул-кыздары сыймыктанып турушту. Табылды менен Гүлшан дагы отурган. Табылдынын Зухраны карап отурганын байкаган Гүлшан:

- Сулуу бекен? - деп койду акырын.

- Айтпа, кандай нерсе болсо да жарашканын айт, чиркин!

- Аа-а магачы? - Гүлшан кыйыта суроо берди.

- Сен Зухрадан кем калбайсың, - деп күлгөн Табылды кайра эле Зухраны кылчак-кылчак карайт. Эл көп болгондуктан баарына жетишүү кыйын болду. Зухра Гүлшан менен Табылдынын жанына барып:

- Силер таарынбай тургула, мен азыр бошойм, сизге азыр сөз берилет, андан кийин эч жакка кетпегиле! - деп ары басты. Бир аздан кийин:

- Урматтуу коноктор, азыр урматтуу айымды куттуктаганы генерал-майор Жанышбеков Табылды алдыңыздарга келет, - деди той башкарган тамада жигит. Табылды Гүлшанды ээрчитип ортого чыгып келди, колунда кармаган килеми бар:

- Урматтуу Зухра айым, бүгүнкү бактылуу күнүңө ортоктош болуп жакшы сөздөрдү арнагандардын сөзүнө кошулуп узун өмүр, бакыбат жашоо, бактылуу карылык каалайм, ошону менен бирге ушул арзыбаган белегибизди тапшырып коюуга уруксат этиңиздер! - деди эле, отургандар кол чаап жиберишти. Зухра ийиле ыраазылыгын билдирип атканда тейлеп жүргөн жигиттердин бири килемди ары алып кетти. Гүлшан чапан жаап, жоолук салып, бетинен өбө:

- Кө-өп жашап бактылуу карылыкка жет! - деди. Андан кийин эт тартылды, үймө-үймө аш келди, чучуктар табакта килтилдейт. Коноктордун алдында ар түрдүү арак-шарап, суусундуктар. Коноктор чекейи чеч боло ыр кесе уюштурушту. Гүлшан баш болгон артисттер куттуктап ырдап, куудулу күлдүрүп атып кеч тарашты. Акырында иштешкендери менен Табылдылар калды. Кайрадан оюн-зоок менен ыр-күлкүнүн коштоосунда элүү жылдык мааракеси ойлогондон да артык өткөнүнө Зухра ичинен ыраазы болду. Бир гана күткөнү башка адам эле, бирок ал адам бу жерде жок болуп өкүнүп турганын эч ким билген жок.

- Эми, Зухра, - деди Гүлшан, - темир тулпарыңды теминип театрга келип тур, ден-соолугуң чың болуп, неберелериңдин маңдайында ырыстуу эне болуп жүрө бер!

- Айтканың келсин, темир тулпарды эми окуп, анан минебиз го?

- Ошент, Зухра, бактың тоодой болсун, - дешип бакылдашып атып араң тарашты. Зухра конокторун узатып коюп, үйүнө кирсе, кыз-күйөөсү менен кудалары күтүп отурган экен, аларды өзүнчө сыйлап таң ата бошоду. Махмуд менен Дилбара эки жагын жыйышып, Самирага жардам беришти. Кыздары энеси менен кеңешип, келген кийит менен белектерди иреттеп атышкан. Арасынан бир адамдын белегин аябай жактырышты. Ал бир белгилүү адамдан эле, өзү келбей белегин берип жиберген. Аны көрүп Зухра таңгалды, Медербек Акматалиев деген акын кымбат баалуу жасалга белек кылыптыр. Кызыл кымкап баркыт капталган кутунун ичинде алакандай кат бар экен. "Зухра, саламатсыңбы, мен капысынан угуп калдым, чакырылбаган соң барууга даабадым, элүү жаш мааракең кут болсун, кыска болсо да каалоо айтып койойун. Акын-жазуучу агаң М. Акматалиев" деп коюптур.

- Апа, бул сүйүү катына окшобойбу? - деп тамашалай күлдү кызы.

- Койчу, кызым, ушунуң кантип болсун?

- Койдум-койдум, көпчүлүктүн арасынан көрүп туруп суктанып, менин апам ушундай сулуу да, белгилүү да адам тура деп ойлодум, жаныбызда жүрсөң анча билинчү эмес, - деп эне-бала сүйлөшүп отурушту.

Тотухан өзү менен өзү болуп алган, үйүндө уулун карап жашай берди. Ата-энеси өнтөлөп, тамак-ашын жеткирип турат. Улан тили чыгып, чулдурай баштаган эле. Бир күнү жасана кийинип, уулун жетелеп кетип баратып, базарга кире бериштен тык токтоду, анткени бет маңдайында Өмүржан турган. Бир саамга селдейе туруп калды да:

- Апа, апа оногуну… - деген уулунун үнүнөн селт эте басып кетмек болгондо:

- Тоту, токтосоң, Тоту, - деп Өмүржан артынан үн салды. Тотухан ылдамдай басып кетейин десе, Улан улам бирдемени көрсөтүп ыйлайт. Токтой калып, алма алып жатканда Өмүржан артынан келип, карыдан кармады.

- Тоту, менден качпачы, кандай жүрөсүң, бу сенин балаңбы? - деп үстөккө-босток суроолорду берип, Уланды көтөрө коюп өөп жиберди. Тотухан эмне дээрин билбей, оозуна талкан салып алгансып тура берди. - Тоту, сүйлөчү, эмнеге сүйлөбөйсүң?

- Биз кечигип жатабыз, баланы койо берчи, Өмүржан.

- Жо-ок, жүрү мындай басып сүйлөшөлү, - деп Өмүржан Уланды көтөргөн бойдон ары басты. - Тоту, сүйлөчү.

- Эмне дейсиң, Өмүржан?

- Кайда жашап жатасың?

- Анын сага эмне кереги бар, Өмүржан? Сенин жашооң өзүнчө, менин жашоом өзүнчө…

- Жок, Тоту, менин жашоом түнгө айланганын уккан эмессиң го?

- Сен жөнүндө укканым жок, мен өз жашоом менен алекмин…

- Жай сүйлөшөлүчү, жүрү тиги кафеге кирели, - деп, андан жооп күтпөй эле кафеге кирип барып, Уланды отургучка отургузду да: - Атың ким, уулум? - деп сурады.

- Улан.

- Оо азамат десе, атың жакшы экен, кел, Тоту, отурсаң, - деп үстөлдү ага карай жылдыра өзү официантты чакырды. - Бизге келип кетиңизчи.

- Угуп жатам, - деп официант келгенде ага буйрук берип, Тотуга бурулду. - Кандай, Тоту, ден-соолуктарың жакшыбы?

- Жакшы, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Шүгүр, сени менен ажырашкандан кийин аял алдым, аным ойдогудай болбой ажырашкам, андан кийин дагы экини алдым. Беш жылдын ичинде үч аял алдым, жолум болбоду, ошол бойдон үйлөнбөй эле жүрөм, уул төрөп алгансың го?

- Ооба, кудайым берээрин унутпаса берет экен.

- Кут болсун. - Өмүржан келген тамакты алдыларына жылдырды. - Кел, Улан, тамак ичесиңби?

- Ооба-а…

- Азамат, жакшы бала экен. Тоту, тамактан алып, сүйлөп отурсаң.

- Эмнени сүйлөйм, Өмүржан, уулум менен жашап жатам, кудайга шүгүр.

- Атасы…

- Уулумдун атасы өлгөн…

- Жаман болуптур, тагдыр ушундай тура, Тоту, ушул баланы кудай экөөбүз жашап жатканда бергенде мындай болбойт эле, кантели анан, - деп Өмүржандын үнү каргылдана түштү. - Биз эч ажырабайбыз деп атып, ушу бала үчүн бөлүндүк эле…

- Эми аны айтканда эмне, болоор иш болуп өттү да…

Экөө тамактан анда-мында алып коюп, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурушту.

- Тоту, мен сени дагы эле жакшы көрөм, эгерде макул көрсөң балаңды бала кылып алайын, дагы жолугалы…

- Болбогон сөз, эми кайдан, Өмүржан, бир кошулдук, кайра ажырадык, буга көнүшүбүз керек. Сенин өз жашооң, менин өз жашоом бар, бул биздин тагдырыбыз. Эми биз кетели, сага рахмат, мунун кереги деле жок эле… - Тоту ордунан турду.

- Апа, кетебишби үйгө? - деп Улан апасына жармашты.

- Ооба, уулум, үйгө кетебиз, - деп уулун колдон алды. - Макул, Өмүржан, жакшы жүр.

- Азыр, чогуу чыгалы, - деп Өмүржан эсептешип коюп, артынан чыкты.

- Сиз да байашышбы, биштикине байашыш ээ? - Улан Өмүржанды суроолуу карады. - Менин оюнчугум бай, ойноймун да.

- Жакшы жигит экен, - деп Өмүржан бир нерсени эстегендей артына кайрылып барып, оюнчук машина алып жетип келди. - Кана, Улан, жагабы оюнчук?

- Ай-ий, шонун экен, бу магабы? - Улан кубана алып карап жатты.

- Сага да, эгер жакса дагы алып берем.

- Улан, сен акылы бар баласың да, акеге рахмат айтышың керек. - Тоту уулун эңкейе карады. - Уктуңбу, уулум?

- Ыйакмат, аке, мен муну менен ойнойм да…

- Эчтеке эмес. Уланды көрүп өз уулумду көргөндөй кубанып турам. Өткөндө апамдарга барып, сени сурагам, айтпады беле?

- Айткан, айтпаганда эмне, Өмүржан, биз эми бириге албайбыз, ата-энең эмне дейт, мени, уулумду жакшы көрмөк беле? - деди Тоту ойлуу. - Мага капа болбо, тынчымды алба!

- Мейли, жок дегенде күн алыс көрүп турайын, жашаган жериңди жашырба, Тоту, - деп Өмүржан келиндин артынан калбады.

- Апа, акени биштин үйгө жүй дешең, байа бейшин да, - деп Улан жеңинен тарткылады. - Аке мага оюнчук алып бейди го-о, жүй дечи…

- Уулум, акенин иши бар, сен антпе да, анда мен капа болом.

- Ыкы, чен капа болбойшуң, жүй-жүй кетебиш, апам бишке жетпей калат, - деп Өмүржанды колдон ала тепилдей жүгүргөн болду.

- Улан, кой деп жатам!

- Аний, мени менен байат, - деп болбой колунан тартканда Тотукан:

- Биз үйгө барбайбыз, таятаңдыкына барабыз, - деди катуу айтмак болуп.

- Жок, - деп Улан жерге отура калып ыйлап ийди. Ою менен болуп эрке өскөн баласын Тоту ала койду:

- Болду, уулум, ыйлаба, мен макулмун, жүрү кеттик үйгө, - деп көтөрүп алып жөнөдү. - Ыйлаба ээ, уулум, сен акылдуу баласың да…

- Үйгө байабышбы? - деди Улан апасына ишенип-ишенбей. - Аке да байабы?

- Ооба, барат, ыйлабасаң барат, - деп эки бетинен чопулдата өөп басып баратты. Базарга жакын эле эки кабат үйдүн экинчи кабатында турат, ээрчише келип үйгө киришти…

Ошондон баштап Өмүржан аерден кетпеди, өчпөгөн-эскирбеген сүйүүсүн айтып, унута албаганын бежиреп жатты, кеч курун тапкан-ташыганын көтөрүнүп келип калат. Тотухан айласы куруганда: "Ата-энеңе кеңешип, мага ага-тууганың менен кел", - дегенде кубанып кетти. Бирок ата-энеси ай-асмандан кетип башканы алып бергенге аракет кылды эле, Өмүржан:

- Мени силер ажыраткансыңар, күтсөм төрөп бермек, менин бактымды силер эле талкаладыңар! - деп үйдөн чыгып кетээрде атасынын үнү токтотту.

- Тоту кайда экен?

- Ушул эле жерде…

- Сүйлөштүңбү?

- Силерден коркуп, мени менен сүйлөшпөй койду.

- Анда мен анын атасы менен кеңешейин. Султанбек жакшы адам, биз урушкан, талашкан эмеспиз, андай эле Тотуханды кайра алгың келсе болуптур, - деди Кадырбай.

- Мен Тотуханды алам, болбосо так өтөм! - деп коюп Өмүржан сыртка чыгып кетти.

- Болду, балам, жумушуңа бара бер, - деди Кадырбай артынан.

- Эми кайра анысын алса, төрөп берсе жакшы, ошонун төрөгөнүнө күмөнүм бар, багып алгандыр…

- Болду, бешенесине жазганын көрсүн, төрөсө-төрөбөсө да балаң менен ынтымактуу болсо болду, ансыз дагы каңгы баш болуп бүттү, бир эмес, үч катын алып кетирди, эмне арманың бар? - деп Кадырбай аялын тыйып койду.

Арадан көп өтпөй эле Өмүржан Тотухандын үстүнө кирип келди, кайрадан нике кыйдырып жашап калды. Улан аны аталап жаны калбайт, ал дагы үйдө болгондо ээрчитип эки жакка ойнотуп келет. Тотухандын бөксөөсү толуп, жоголгон сүйүүсүнө кайрадан жолугуп, бактысына балкып турган чагы. Уулун уктатып коюп экөө сүйлөшүп жатышты.

- Тоту, - деди Өмүржан аялын кучактап алып.

- Оов.

- Бактылуусуңбу?

- Аябай.

- Мен дагы, сенден ажыраганда жаман болуп жүрдүм…

- Менчи, мага оңой болду дейсиңби?

- Ооба, биз бири-бирибизди сүйчүбүз да, ошондуктан оор болду…

- Канча жыл өттү?

- Арадан сегиз жыл өтүптүр.

- Ошол сегиз жыл мен үчүн сексен жылдай болду го!

- Ыраспы?

- Ананчы.

- Эмнеге аялдарың кетип калды?

- Бирисинин мурдагы күйөөсүнөн үч баласы бар экен, ата-энесинде калыптыр, менин тапканымды ташый берди. Бир жыл жашадык, балдарыма кийим-кече, акча керек деп атып карыздар кылып ийди.

- Кийинкисичи?

- Аны өзүм жактырбадым, балит экен, кийген кийимин бир айда бир жолу которобу, башы биттеп кетиптир, же кийими, же идиш-аягы жуулбайт.

- А үчүнчүсүчү?

- Ал апама жакпады, үйдөн буюмдары жоголуп…

- Демек баарынын айыбы бар дечи? - деп улутунду Тотухан. - Менин айыбым төрөбөгөнүм эле. Кө-өп сөздөр өттү, Өмүш, сен экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз, ошондо эле апаң мени жактырган эмес. Эми төрөбөсөм дагы кетир десе, жаманатты болом го, Султанбектин кызы эрге тийгенин койбоду же ажырашканын койбоду деп.

- Жок, жаным, эми мен сенден кетпейм, Улан өз баламдай болуп калат, кудай ушунча бергенден кийин мага, мен үчүн дагы бирди берип койор…

- Ким билет, ушул боюма болгондо ишенбей да жүрдүм.

- Эмнеге?

- Төрөп көрбөсөм, ушунча жылдан кийин кантип төрөмөк элем деп.

- Ии-ий, кудайдан үмүт үзбөй жашай береличи, жаным.

- Ооба-а, мен үмүт кылмак тургай ойлобой калгам, кээде чын эле өзүм төрөгөнүмө ишенбей кетем, - деп күлүп койду Тотухан.

- Жинди.

- Ооба, жинди боло жаздагам, Өмүш.

- Алтыным десе…

- Сени көп ойлочумун, сураштырганга даабай койдум, айылыбыз алыс болуп кабарыңды уга албайм. Сени балалуу болуп, бактылуу жашап жаткандыр дедим эле…

- Мен сен жөнүндө ойлогондо ичип жаткан ашымды таштап басып кетип калчумун…

- Мейли эми, уктайлы, сен эртең жумушка кетесиң, - деп Өмүржандын ийинине башын коюп, колун артып көзүн жумду.

- Укта, алтыным, уктай бер, - деген Өмүржан аны бекем кучактап алып, ойлуу шыпты тиктеп жата берди. "Ээ жараткан, мага бир перзент бер, өзүм сүйгөн жарымдан бир айрыдың, эми ажырата көрбө, данакер боло турган бир эле перзент бере гөр", - деп тиленип жатып уктап кетти. Көзү илинээри менен түш көрдү, түшүндө бир мазардын түбүндө туруптур, чоң түп дарак, байланган маталар. Бир кезде дарактын башынан куш көрүндү, тумшугуна алма тиштеп алган, ийнине конот, колун тосо калса алманы алаканына салып, кайра учуп барып, талдын кылда учуна конду. Анан безелене сайрап киргенде ал куштун жанында өзүнө окшош дагы бир куш пайда болуп, экөө жарыша сайрады. Таң калган Өмүржан колундагы кызыл алманы тегерете карап көрүп, койнуна салып алды. Куштар учуп келип, эки ийинине конгондо ойгонуп кетти. Таң атып калыптыр. "Бул эмнеси, жакшы түш болсо экен", - деп ажаатканага чыкты. Ошондон аялдабай эле Тотухандын боюнда бар экени билинди, Өмүржандын кубанганын айтпа:

- Уланым, ак жолтоюм, мен балалуу болом, буйруса, - деп баланы так көтөрө өпкүлөп жатты.

- Өмүш, эми эч кимге айтпа, качан ичим билинмейинче эч ким билбесин, сенин биринчи балаң, демек опурталдуу, кубанычыңды ичке кат, - деди Тотухан.

- Макул, жаным, эмнеси болсо дагы баланын үнүн угузсаң болду, - деп келинчегин да өпкүлөп, көзүнө жаш алып ийди. Тотухан ай-күнү жетип кыз төрөдү. Өмүржандын ата-энеси да кубанып калды, жээнтектерин көтөрүп төрөтканада жүрүштү. Үйүнө чыгарып келип, союш союп атын Каныкей коюшту. Баары кубана Тотуханды алкап, өткөндөр үчүн кечирим сурашып, үйүндө эки-үч күн катары менен той болду. Кызы бат эле торолуп, күлүшүп калды, Өмүржан аны колунан түшүрбөй эркелетет. Уландын тили такталып, чоңоюп баратты. Тотухан минтип үйү базар болорунан, баланын үнү жаңырарынан бир кезде үмүтүн үзгөн, эми бактылуу жылмайып:

- Каралдыларым, ырыстарым менин, силерди берген кудайга миң мертебе ыраазымын! - деп экөөнү алмак-салмак өпкүлөп жаны калбайт. Анын алдында дагы бир бакытка бөлөөчү учур бар эле, азырынча уул-кызы менен алек. Каныкей алты айга толгондо кайрадан боюна болуп калганын билди. Өмүржанга айтса:

- Кудайдын бергени ошо, Тоту, экөөбүз ушулардын айынан эки жакка аргасыз бөлүнбөдүк беле, төрөй бер, - деди эркелете. Эмчегин балкылдата соргон кызын карап эзилип алды. Жакшы күндөрдүн кандай өткөнү билинбей калат эмеспи, төрөй турган мезгили жакындаганда Тотухан отуруп туралбай калды. УЗИден анын эгиз төрөөрүн айтканда кубанганын айтпа, "Кудайыма арманым жеткен экен, чексиз ыраазымын жараткан", - деп ойлонуп үйүнө келди. Кайненеси келип Каныкейди карап аткан. Тотухан бир жагынан бир жагына которула албай, өйдө болгондо аны бирөө тургузчу болду, ичи да чоң. Акыры айы-күнү жеткенде кыйналып атып эгиз уул төрөдү. Уулдарынын окшоштугу, анан калса төбө чачынын чок ортосундагы аппак тутам чачы да бирдей эле. Ырым-жырымды катуу карманган Супахан эч кимге көрсөтпөгүлө деди. Өмүржан ошондо гана баягы көргөн түшүн эстеди. Эки ийнине конгон эки куш уул экенин билип эч кимге айтпады. Бала көргөндөргө да көп көрсөтпөй уктап жатат деп бири карап турат. Супахан Каныкейди үйүнө алып кетти, кайненеси Жамалкан болсо эгиздерди багышып алардыкында.

- То-оба-а, - деп алды Кадырбай сакалын сылай, - эрте же кеч берээрин жараткан өзү билет тура, ушунуңа шүгүр, - деп койду. Ал эгиз деп укканы неберелерин барып көргөн жок, өзүнөн чочулады. Анткени назар сала карап же жакшы көрүп койгон адамы оңчу эмес, айрыкча неберелерине такыр карабайт. Илгери бир агасынын баласы балтыр бешик болуп калганда бешикте жатып ойноп атса: "Оо, балбан боло турган экен", - деп коюп, кечке жетпей бала ичи көөп, чыркырап ыйлап атып чарчап калган. Анда өзүнө ишенбей: "Кантип эле менин айтканыма өлүп калсын, көрөйүнчү сынап", - деп талаада оюн салып жүргөн кулунду карап: "Бул кулун жорго болчудай экен, карачы эмитен туягынан чаң чыгат", - деди да, кетип калды. Эртеси ошол кулундун өлгөнүн угуп, катуу чочуган, анда үйлөнө элек кези. Ошондон кийин малга да, балага да түз карабайт. Каныкей төрөлгөндө барып, ымыркайга өзү ат койгону менен эгиздерине барбады. Бирок кыздарынан айттырып ийди:

- Балдарды көрбөй эле койойун, атын Эгемберди, Кудайберди койсун. Элге да көп көргөзбөсүн, буту баскыча барбайм, - деди.

- Макул, ата, эмне болсо да балдар аман болсун, - деди эң улуу кызы Махабат. - Баарыбызды ойлонтуп ийди эле, катар-катар балалуу болуп кудай бербедиби ырас эле.

- Келиниме узун өмүр берсин, уулумдун бир башын үч кылып отурат.

- Каныкейди кудагый багып жаткан тура, ата.

- Ооба, төрт бала менен келин кыйналбайбы, улуусу го чоңоюп калды, - деп тынчсызданган Махабат Өмүржандыкына жөнөдү. Кемпири Жамалкан чалынын баланы карабасын билет, ошондуктан өзү карашып жатты. Улуусунун атын Кудайберди, кичүүсүн Эгемберди коюп багып жатышты. Тотухан бактыга магдырап, уулдарына үйрүлүп түшүп турат. Улуусун такай өзү карап, кичүүсүн Жамалкан багат. Өмүржан калдастап апасынан тартынып, Тотуханга жакындай албай бук болуп жатты, бир ай дегенде гана экөө бир түнү бирге болушту. Балдардын кыркын чыгарып, анан кичине бөлмөгө жатып калышты.

- Жаным, ыраазымын сага, куу баш аталаарымда башымды эки эмес, төрт кылдың, бактымдан жүрөгүм жарылбай аз жерден калды.

- Мен дагы сага ыраазымын, Уланымды медер кылып жашай берсем балам жалгыз калмак экен, минтип карындаш-инилүү болду. - Экөө сагынышкан жаштардай кучакташып, кумардан чыга өбүшүп жатышты.

- Тоту.

- Ийи.

- Сени баштагыдан да катуу сүйүп баратам.

- Чынбы?

- Чын айтам, сенчи?

- Мен дагы…

- Бизди сүйүүбүз табыштырды, балдарыбызга татыктуу ата-эне болобуз, ээ?

- Ооба, кудай буйруса, кудайдын кереметине кулдук кылам, Өмүш, биздин колубуздан эмне келмек, берем десе бат эле берип койот тура. Бирөөгө жамандык кылбадым, арам иш жасабадым, бала дегенде зар какшап, көзүмдүн жашын көл кылып жүрүп, зарым жеттиби же кудайым өзү боор оорудубу, минтип удаа-удаа бала көрүп бактыма ишене албай турам…

- Мен дагы, түшүмдө көргөндөй болуп жатам, уулдарым чоңоюп калса, келем деген досторумду чакыралы, азыр койо тургула деп койдум.

- Туура кыласың, балдарды көп көрсөтпөгүлө деп жатышпайбы?

- Ооба, мен аларга түшүндүрүп койдум.

- Алтыным десе, аман эле бололучу, чарчап-кыйналып жатасың, эс ал, алтыным, - деп аялын жүзүнөн өптү. Андан кийин өз ойлору менен алышып жатып уктап калды. Түндөсү Эгемберди ыйлаганда Тотуну тургузбай Өмүржан өзү которуп, уулдарын алдына алып отуруп ууз жытынан жыттады. - Ырыстарым, менин эркелерим, аман-эсен чоңойсоңор экен. - Ымыркайлар жоошуй уктап кетти. Алдына алып үргүлөп отурганда Тоту ойгонуп, аны көргөндө ичи элжирей:

- Өмүш, уктап алчы, баланы мага бер, - деди.

- Эмизесиңби?

- Ооба, сен ишке барасың, - деп экөө кобурашып атканда Жамалкан Кудайбердини көтөрүп кирди.

- Эмизип койчу, балам, ыйлап жатат. Тотухан баланы алып эмизип, анан Эгембердини эмизди.

- Алтыным десе, тамакты жакшылап ичсең, балдарды багам деп ооруп калып жүрбө? - деп Өмүржан аялынын моюн-башынан өпкүлөдү.

- Болду эми, эс алып алсаң боло, таң атпай жумушка кетесиң, жакшылап эс албасаң кыйналып калба? - деди Тоту аны аяп. - Бизге дагы сенин ден-соолугуң керек, атасы, аман-эсен эле балдарыбыздын маңдайында жүрсөк экен.

- Асылым, бала уктаса сен дагы эс ал.

- Ооба, жатып уктай бер. - Өмүржан уктап кетти, Тоту уулун керебетине жаткырып коюп, өзү кыңкайып жатып калды. Пенденин пешенесинен көрсүн дегени ушул эмеспи, бактылуу болуп бири бирин аяп, бири бирине айтаарга жакшы сөз таппай турган кездери. Барган сайын балдары көзгө көрүнүп балтыр бешик болгондо Султанбек менен Супахан эгиз балдардын коляскасын алып берди. Аңгыча жадыраган жаз келип, жандуунун баары ийинден чыгып, бак-дарактар жашылданып, жыпар жыттуу гүлдөр жер бетин текши кооздоп калган. Күндүн нуруна балдарын алып чыгып сейилдеп жүрүшкөндө алдынан Зухра чыкты.

- Тотухан, сенсиңби?

- Аа-а, эже, кандайсыз?

- Жакшы, балдар өзүңдүкүбү?

- Ооба, эже. - Тотухан балдарын бир карап койду.

- Ии-ий айланайындар, чоңойдуңарбы? - деп Уланды, анан эгиздерди эңкейип өөп туруп калды. - Кандай жүрөсүң, Тотухан, бир жерде туруп жолуга албайбыз, ден-соолуктарың жакшыбы?

- Жакшы. Өзүңөр кандай жүрөсүңөр?

- Кудайга шүгүр, баары жакшы.

- Турмушка чыккансыңбы?

- Ооба.

- Жакшы болуптур, өткөндө Дилбаралар келип сени издеп таппай калышты, көрсөңүз айтыңыз деди эле…

- Эмнени?

- Сен мени жаман көрбө, балдары сүйлөшүп тигил үйдү сага бермек болушкан, көрсөңүз айтыңыз көчүп бара берсин деген…

- Ошонусуна рахмат, бала ошолордуку, төрөбөйт деген аял элем, ошол үйдөн бала көрдүм. Тууган болом десе баланы ала качпайм, өз туугандарын билип көрүп жүргөнү жакшы. Эми өз үй, өлөң төшөгүм бар, эже, айтып коюңуз.

- Макул, мен дагы мойнумдагы карыздан кутулайын.

- Сизге рахмат.

- Эчтеке эмес, биз деле жолугуп турганыбыз жакшы эмеспи, бир элдик, бир жердик болобуз, андан көрө үйүңдү көрсөт, катышып алалы.

- Мен бул эле үйдө турам, эже, экинчи кабатында.

- Жакшы, анда бир күнү келем ээ? - деп шашылыш жөнөдү.

- Болуптур… - Тотухан аны карап туруп калды. Зухранын ары басып баратканын көрүп суктанды. "Жапжаш бойдон, кандай жакшы аял, бактылуу чыгаар, мүнөзү жакшы", - деп ойлоно үйүн көздөй жөнөдү. Жолдон балдары ыйлап калды, Улан аларга шылдырак шылдыратып улам алдыга жүгүрүп:

- Мына-мына, ыйлаба, Эген, ыйлаба, Кукун, - деп баратты.

- Улан, бирин алчы, балам, Эгенди ал, мен Кукунду алайын, - деп Тотухан колясканы токтото калып, баласын ала коюп эмизди. Эгенди Улан көтөрүп солкулдатып:

- Эген-Эген, ыйлаба ээ, мына карачы, - деп шылдыратып эптеп солкулдатып чыдабай кетти. - Апа, болбой жатат.

- Азыр, уулум, Кукунду отургузуп берем, - деп эмизип болгон баласын отургузуп, Эгенди алды. Үйгө келгенде Жамалкан баланы алып:

- Айла-анайын Эгеним, кагылайын Эгеним, ыйлабачы каралдым, - деп көтөрүп алып ары басты. - Секетиң кетейин каралдыларым десе.

Тотухан үйгө кирип, баласын жаткырып коюп, тамак жасап кирди. Улан кирип келип:

- Апа-а, мени Турдубек урушуп атаң жок, Өмүржан сенин атаң эмес деп жатат, эмнеге антет, менин атам, ээ? - деди ыйламсырай.

- Сен жакшы баласың, акылдуусуң, уулум, ал билбейт да, калп айтат. Өмүш сенин эле атаң, - деп сооротуп жатканда Жамалкан кирип келатып тыңшап калды. - Өмүш сенин атаң, алар калп айтышат, аларды укпагын, макулбу, менин уулум азамат, алар жаман балдар.

- Анан эмнеге ошенте беришет, мен атамды жакшы көрөм, - деп Улан бышактады.

- Кара оозуңа кан толгурлар десе, ушу бармактай баланы да бөлө баштаганын кара, - деп Жамалкан өзүнчө күбүрөнүп, небересине жалынган болуп үйгө кирди. - Эмне болду? Уулум эмнеге ыйлап жатат?

- Балдар менен урушкан го, - деп Тотухан айтпай койду.

- Бала деген урушат, кайра табышат, ошентип чоңойот, балам, - деп кайненеси билмексен боло ички бөлмөгө кеткенде Тоту коридордо солуктаган баланы сооротуп үйгө киргизди.

- Атаңа бул жөнүндө айтпа, балам, сен акылдуу баласың, алар калп айтканы үчүн атаң капа болуп калат.

- Ооба, айтпайм, сен Турдубекти урушасыңбы?

- Мен эртең аны урушам, апасына айтсам токмоктойт.

- Анда ойной берейинчи?

- Бара гой, кечке калба, макулбу?

- Ооба, тез эле келем, апа. - Улан таарынычын тез эле унуткарып сыртка жүгүрүп чыгып кетти, баласыңбы деген ушу да. Тотухандын жүрөгү ооруду. "Эмнеге жаш балага бир нерсени айтып коюшат, бирөөнүн кемчил жагын эле көрүп турганын кара", - деп тамагын карап жүрүп ойлонуп алды. Кеч келген Өмүржан үйгө кирип эле Уланга ала келген шоколадын колуна алып:

- Уулум кайда, Улан, кел сага шоколад берем, Ула-ан! - деп ичке кирип таппай калды.

- Ал уктап калган, эртең деле жейт, - деди Тотухан жылмая.

- Эмнеге эрте уктап калды, кардын тойгуздуң беле?

- Ооба, ток эле.

- Макул, бир сүйүнтөйүн дедим эле, - деп отуруп калды.

- Өзүң кеч келдиң го?

- Жумуш кеч бүттү, - деп коюп кыңкайып жаздыкка чыканактады Өмүржан. - Мени менен иштешкендер балаңарды көрүп келебиз деп болбой жатат, апа, эмне дейин? - Апасын карады. - Эчтекеси жоктой болуп уялат экенсиң, классташтар чогулуп жатыптыр, ушинтип эле жүрө беремби?

- Чакыра бер, балам, эми кудайга шүгүр. Балдарды элдин үстүнө киргизбей башка бөлмөгө карагыла.

- Болду анда, бирди союп баарын бир эле чакырып койойун.

- Үй тардык кылат го, балдарды ашканага кантип кармайбыз, эки бөлмө болсо бир жөн, - деди Тотухан.

- Балдарды көргөндөн кийин эле атамдардыкына алып кетип калсак эмне болот? - Өмүржан апасын дагы карады. - Карай турасыңар да?

- Уулум, балдарды ары-бери сүйрөбөй үйдө эле болсун, андан көрө иштешкендериңди эле чакыр, классташтарың дагы келээр…

- Макул анда, балдарың үчүн белек алып койдук деп эле жан койбой жатышпайбы? - деп Өмүржан унчукпай калды. Күн өткөн сайын эки бала койондой окшошуп бара жатты. Тотухан эч кимге көрсөтпөй багып жүрө берди. Өмүржандын иштешкендери келип кетишти, алар эки балага эки манеж алып келишти, классташтары дагы чогулуп келип куттуктап, экөөнө кийим-кече, оюнчук мамалактарды алып келишти. Ошентип жашоо өтүп жатты. Кудайберди менен Эгемберди бири-бирине окшошуп, бойлору да бирдей болуп басып калганда Жамалкан бирин үйүнө алпарып бакмак болду эле, ага Тотухан болбоду.

- Араң тапкан балдарымды өзүм эле багайын, апа. Каныкей да чоңойду, колума алам, ушул баланын айынан эмнени гана көрбөдүм, - деди эле, ага эне түшүндү. Бир кезде: "Ой, ушу туубас катының менен жашап, куу баш атка конгуң барбы, Айчүрөк болуп кетсе да кетир, башка аял алып берем", - дегени эсине түшүп, эч нерсе дей албады. Көп өтпөй Каныкейди алып келип алды. Улан окуп калды. Мектеп алыс болгондуктан, аны эртелеп Өмүржан жеткирип, андан ары ишине кетет, түштө коңшу балдар менен өзү келип калат. Үчөө менен Тотухан үйдө. Ал балдарынын ыйлаганына да кайыл, бирин бешикке бөлөсө, бирин манежге отургузуп, бирин алып отуруп эмизип, тамак берет, кыскасы бир отурууга чолоосу тийбейт. Кээде бир чыны чай ичкенге зар болуп, Өмүржан келгиче күтүп калат. Анын кыйналганын көрүп, эми энеси келип каралашып жатты. Кызынын арыктап кеткенине боору ооруп: "Ичтен чыккан ийри жылан аа-а, мен да сени ушинтип бактым эле, эми баланын түйшүгүн тартып баарына кайыл болуп отурасың", - деп улутунуп алат.

Зухра машинаны зымырата айдап калган. Ошентип зоболосу көтөрүлүп турганда ага дагы бир кат келди, кат менен кошо гүл да келиптир. Ал таңгала гүлдү ары коюп койду да, катты ачып көрдү. "Зухра, саламатсыңбы? Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо жолукпайлыбы?", - деген эки ооз сөз менен жолугушчу жери жазылып, астында аты-жөнү жүрөт. "Кызык, бул киши эмнеге мага көзүн тигип калды, жолукса жолугуп көрөйүн", - деп ойлонуп болжолдуу саатта келип, эки жакты карап туруп калды. Бир кезде бак ичинен узун бойлуу, ак костюм-шым кийген, галстук тагынган ак чач адам басып келип:

- Саламатсызбы, Зухра айым? - деди салмактуу.

- Саламатчылык, - Зухра аны мурда бир жолу көргөн, бирок жакындан көрбөгөн эле.

- Тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм, таанышып алалы, Акматалиев Медербек, - деди колун суна.

- Маматбаева Зухра, белектериңизге рахмат, - деди Зухра.

- Аа-а, эч нерсе эмес, адам болгондон кийин бири-бирибизди сыйлашыбыз керек, капыстан угуп калып бара албай калдым, иштериңиз кандай?

- Болуп жатат, - Ошол кезде Зухранын телефону чырылдады. - Кечиресиз, - деп ары басып кетти. - Алло, угуп жатам, аа-а сизби, жакшы-жакшы, бүгүнбү? Жо-ок, бүгүн убактым жок, жок андай эмес, кечиресиз мен бош эмес элем, - деди да, өчүрүп, сумкасына салып кайра келди. Телефон чалган Үрүстөм эле.

- Убактыңызды албасам бир жерден чай-пай ичсек кантет?

- Жо рахмат, жумуштарым бар…

- Сиз менен жолугайын деп атайы Туркиядан келдим эле, мен ошол жакта жумуштар менен болуп жаткам, мүмкүн болсо бир азга…

- Көңүлүңүз калбасын, - деп аял жаңы таанышын жылмая карады.

- Сизге рахмат, - деп Медербек да күлүмсүрөй колун жаңсады. - Жүрүңүз бул жакка.

Алар кафеге кирип отураары менен үстөлдүн үстү толуп калды.

- Сиз менен бирге отурганыма кубанычтамын, тамакка караңыз.

- Рахмат! - Унчугушпай аз-аздан тамактан алып отурушту:

- Зухра айым, сизден бир нерсе сурасам болобу?

- Сураңыз?

- Сиз Туркияга барып киного тартылгыңыз келеби?

- Кантип?

- Мен сизди башкы ролго сунуштамакмын.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Сериал тартып жаттым эле, билесиз бизде андай сериал үчүн миллиондогон акча сарпталса да акыбетиң кайтпайт, сиз жеткире аткара алмаксыз, мен ишенем, - деп жылмая карады.

- Ишеним артканыңызга рахмат.

- Бул сериал кыргыз кыздарына, жаштарды терс жолго ачыктан-ачык үндөгөн телевидениеге атайын жазылган эле, жакшы гонорар төлөнөт.

- Ким жазган, сизби?

- Ооба, өзүм жазгам, - деди Медербек отургучка чалкалай. - Сиз билесизби, элибиз эмне болуп жатканын? Коомдо болуп аткан ар бир маселе мени кыйнай берчү болду…

- Туура, кыйын болуп калды, ошондо өлкөбүздө тартиптүүлүк жанданат деп ойлойсузбу?

- Аз да болсо, бирок сериалды жылдап тартууга туура келет.

- Ойлоноюн, сизге рахмат, эгер уруксат берсеңиз мен кетсем.

- Шашпаңыз, Зухра айым, дагы эки кыз алышыбыз керек, менин суранычымды жакшылап ойлонуңуз, - деп жазуучу визиткасын акырын жылдырып койду. Зухра:

- Жакшы калыңыз, көрүшкөнчө, - деп, машинасына отуруп жөнөп кетти. Жолду ката ойго чөмүлдү: "Чынында биерде жүргөнчө Түркияга барып, сериалга тартылганым жакшы го. Бир жылда канча табам, балдарга айтып кеңешейин, алар каршы болбос". Театрда иштеген эки жаш кыз бар эле, ошолорду ойлонду, жакшы гонорар үчүн макул болушаар. Үйүнө келип унаасын гаражга токтотуп, өз бөлмөсүнө кирди. Самира үйдө жок эле. Диванга жатып алып ойлоно берди: "Жети ойлонуп бир кесейин, эгерде маани-маңызы терең сериал болсо тартылайын, сахнада жүргөндө киного тартылсам дечү элем го", - деп чечкиндүү ордунан туруп, телефонун терип кирди. Ал адегенде Махмудга чалды. Уулу угуп алып бир азга унчукпай калды да:

- Апа, өз максатыңызды көздөсөңүз барганыңыз оң, - деди көптөн кийин.

- Мен дагы ошентип ойлодум, демек кабарлашабыз, балдарды өөп, Диляга салам айт.

- Макул, апа, ак жол каалайм, - деди Махмуд. Ошол учурда Рахат кирип:

- Эне-е, мага акча берчи, - деди жабыша.

- Эмне кыласың, кызым?

- Чупачупс алып жейм.

- Ала гой, каралдым, - деп жыйырма сом карматып атып, - Апаң кайда? - деди акырын.

- Апам таенеме кеткен, ооруп жатат дейт.

- Балакет бас, качан кетти эле?

- Азыр эле.

- Атаң жумуштан келе элекпи?

- Ал дагы кеткен.

- Сен жалгыз калдыңбы?

- Ооба, бат эле келебиз деген.

- Макул, келип калышаар, - деп кайра ойлуу отуруп калганда Бурхан кирди.

- Самира кана?

- Апасы өтүп кетти. Чакыртканынан барганбыз.

- Кой, анда мен дагы барайын, Махмудга чал, Нурила менен Гүландага айттырып ий.

Ал күнү сүйлөшкөнгө жетишпей кудагыйынын тажиясына катышып, эки-үч күн келининин жанында болуп, небересин карашып, акыл-насаатын айтты. Кудагыйынын бир гана карманаары Самира болгондуктан, жүктүн баары Бурханга түшүп, бүт өзү тейлеп жүрдү. Өзү колунда бар аял эле, сексен сегизге чыгып калган. Мал-жаны кудайга шүгүр, болгон түйшүгү ошолорду ирети менен тейлеш эле. Ошо жерде Акрамдар да болду. Анткени Сайкал Шааркандын төркүндөрү болуп кетет, көзү тирүүсүндө эже-сиңди болуп катташып жүрчү. Акбар кол кабыш кылып жүрүп бирөө менен уруша кетти. Ал кызуу болчу.

- Ичкениңди коюп, атаңды өлтүргөнүңдү билип алчы, эн-нең, - деди берки сөгүнүп.

- Эмне дедиң, кайталачы, сага ким айтты? - Акбар аны жакадан алды. - Оозуңду талкалап салбайын.

- Катының эле айтып жүргөн, өз бир тууганыңарды жээрип бирөөгө таштадыңар го, атаң болсо ошол баланы таштамак эмес, өз уругун өзү жээриген, энеңди! - Ортого түшкөн элге моюн бербей жулкунуп, экөө эки жакта сөгүнүп жатты. Акрам инисин урушуп үйүнө кууп жиберди. Таңсулуу үйүндө болчу, эри ачуусу менен келип эле:

- Энеңди урайын, жалап, кайсы ойношуңа сырдаштың эле, сени өлтүрүп тынбасамбы? - деп жулунуп киргенде онунчуга окуй турган баласы аны кармап калды:

- Эски ооруңуз дагы кармадыбы, дагы түрмөгө түшөйүн деп калдыңызбы, силердей ата-энелүү болгуча жетимдер үйүндө чоңойсок болмок! - деп айтканда Акбар унчуга албай соолуга түштү.

- Мендеби ыя, ошондо да күүлөгөн ушу энең болчу, эми элге жайган да ушул, көзүмө көрүнбөй жогол! - деп отура калды, ичи от куйгандай ачышып тызылдап турду. "Өз уругун жээриген", - деген сөз ага катуу тийген. Таңсулуу эринин каарынан коркуп чыгып кетти. Баласы Урмат атасынын жанына отурду.

- Апамды өлтүрдүңүз дейли, анан эмне болот, дагы түрмөгө отурасыз. Мен чоңойдум, менден кийинкилер кайда барып, кимге калкалайт? Ансыз деле экөөңөрдүн айыңардан Лиана бөлөк өсүп жатат. Эми дагы эмнени баштаганы турасыңар, элден уялсаңар боло, түрмөгө отуруп келип, али да кутула элексиз, - деп ыйламсырап ийгенде Акбар:

- Болду, уулум, эми айбан энеңе теңелип кол көтөрбөйм, - деди күнөөлүүдөй үнүн пас чыгарып. Ошондон кийин Акрам экөө сүйлөшүп алып Тотухандан баланы алмак болушту. Бербесин билсе дагы бир барып кечирим сурайлы дешип, Дилбараны чакырып алышты. Ал келип:

- Ошону башында ойлосоңор болмок, эми баланы бизге бермек беле? Мен өзүм барып келейин, атамдын атына жаздырдыбы ошону билели, - деди. Кеч күүгүмдө эшиги тыкылдаганынан Тотухандын колу бошобой Өмүржан ачты:

- Келгиле, ким керек эле?

- Тотухан ушул үйдө жашайбы?

- Ооба.

- Чакырып койосузбу?

- Макул, - Өмүржан ашканага кирип, сыртта чоочун келин турганын айтканда Тотухан чыкты. Дилбараны көрүп эле Зухранын айтканын эстеди. - Аа-а, кел, Дилбара, келип калыпсың?

- Келдим, кирсем болобу?

- Кир-кир, - деп Тотухан эшикти ача бергенде Улан жанына келди. - Бар, ички үйгө кир!

- Тим коюңуз, иним менен учурашайын, - деп Дилбара Уланга эки колун созду. - Кел, келе гой, мен эжең болом.

- Сизди тааныбайм да? - Улан артка кетенчиктеди.

- Бара гой, уулум, ал эжең болот, - деп Тотухан аста гана айтып уулуна түшүндүрмөк болду, андан кийин экөө сүйлөшүштү. Дилбара Тотуханга ыраазы болуп кайтты. Экөөнүн эмнени сүйлөшкөнү белгисиз, бирок Тотухан Дилбараны күлүп-жайнап узатты. Ошентип булардын аралары баштагыдан жакындагансып калды. Тотухан уулун өз туугандарынан алыстатып, башкаларга кемсиндиргиси келбеди, эсине киргенден баштап баарын ачык айтмак болду…

Зухра бир айдын ичинде театрдагы эки кызды жанына алды да, Медербек менен жолугушту. Даярдыктары бүткөндө Туркияга учуп кетишти. Анын Туркияга кеткенине Гүлшан ичи күйүп кала берди, бирок Табылдыга билдирген жок. Өз жашоосу менен алек болуп, жумушка барып келип, турмуштун элегинен өткөндөй сезди өзүн, ушул жашоого ылайык экенин туюп турду. Дилбара үчүнчү уулун төрөп үйдө болуп калды, Лиана тепилдеп жеңилин жерден, оорун колдон алып, көз алдында чоңоюп баратты. Акбар менен Таңсулуунун жашоосу болсо адаттагыдай эле уруш-талаш менен өтө берди. Балдары чоңоюп, жетип-жетпеген турмуштун даамын татып келатат, аларга Акрам жардам берип турат. Россиядан акча келип турса да Акбар менен Таңсулуунун турмуштары оңолуп кетпеди. Ошондо Акрам инисине атасынын мүрзөсүн тайытып, куран түшүртүп, кечирим сура деген кеңешин айтты. Акбар өзү дагы арбактын нааразы болгонун сезип, аялынын сөзүнө кирип атасына акаарат келтиргенине өкүнүп жүргөн. Бирок өкүнгөн менен кеч болуп калган эле. Ата-энеге акаарат келтирген уулбу же кызбы, эртедир-кечтир өкүнүп арман кылаарын кеч сезди…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз