Айгүл ШАРШЕН


"Кыздын бактысы"


Азада жалгыз кыз эле, апасы көзүнө карап, эмне десе аткарып көндүрүп койгондуктан, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген чалпоолук жайы бар. Өз билгенин койо бербеген өжөр. Кулубек аны окууга тапшырып жатканда бир көрүп эле сүйүп калган. Көздөрү ботонукундай жайнап, кирпиги төгүлүп, эки бети анардай кыпкызыл, ууртундагы уячасы өзүнө жарашып, көргөн жанды суктандырган кызды бир көргөндө эле артынан түштү. Бирок Азада ага көңүл бурбады. Ата-энесин үйүнө жөнөтүп, кайра-кайра сүйүүсүн билдирип жүрүп, акыры максатына жетти. Сүйүү дегенди сезе элек ойноок кыз ошентип келинчек болду, Кулубек экөө дароо эле шаарга батирге бөлүнүштү. Үй-бүлөлүү болгондон кийин тиричиликтин машакаты башталды, баягы апасы жасап жүрүп жумушка анча көнбөгөн Азада:
- Апама барып келейинчи, - деди бир күнү.
- Эмнеге?
- Мен кир жууй албайм, апамды шаарга алып келиш керек.
- Ой кокуй десе, кир жууганды өзүм эле үйрөтөм.
- Койчу, мен барып келишим керек. - Үңүрөйүп тултуя жер карады.
- Андан көрө сагындым деп ачык эле айтпайсыңбы? - Кулубек Азаданы имере кучактап өөп койду.
- Сабактан эки күнгө уруксат алайын…
- Мейли өзүң бил, жаным.
- Эртең барсам кайра бат эле келип калам, - деген Азада мисирейип отуруп калды. Анын баягы бажырайган көздөрүндө негедир өкүнүч бардай, капаска түшкөн куштай үрпөйүп өзүнөн-өзү жүдөп бараткан. Кулубек өзүнчө кыжаалат боло: "Демек сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген ырас экен да, бул мени сүйбөйт тура, болбосо мындай болмок эмес", - деп, келинчегинин жүзүнө тигиле карады.
- Азада, бир сөз сурасам болобу? - деди анан.
- Сурай бер.
- Мага турмушка чыкканыңа өкүнүп жүрөсүңбү?
- Эмнеге?
- Мен сенин жамалыңдын жайнап гана турушун каалайм, жадыраган көздөрүңдөн күлкү көргүм келет. Мен сени кандай сүйсөм сен дагы менин жанымда бактылуу болушуңду элестетем, бирок андай эмес. Сенин көз карашың жүрөгүмө капыстан атылган жаанын огу сымал зырп-зырп эттирчү болчу…

- Андай эмес…
- Жо-ок, жооп берчи, өкүнүп жүрөсүңбү?
- Жо-ок дейм. - Азада ордунан туруп кетмек болгондо эри колунан кармап калды.


- Азада, менин азизим, чыныңды айтчы, абада эркин учкан кушту капаска салып алгандай жүрөгүм кысылып кетчү болду. Сүйгөн адамыма жеттим деп кубанганым менен өзүмдү бактылуу сезе албай калдым, көз карашың, мамилең муздак…
- Мен сени сүйгөн, сүйбөгөнүмдү билбейм, Кулубек, кыскасы өз максатыңа жеттиң, жаныңдамын го, дагы башка эмне керек айтчы?! - Азаданын көз чанагына жаш толуп Кулубекти карады. - Айтсаң, мындан башка дагы эмне керек эле, койнуңдамын, жаныңдамын, сен бактылуу болбогондо ким бактылуу?
- Макул, жаным, капаланба, бара-бара көнүшүп кетебиз, сен жанымда болгонуң үчүн гана өзүмдү бактылуумун деп эсептейм, кечир, алтыным, убакыт бар дагы. - Кулубек улутуна отуруп калды. Азада эч нерсе дебеди, кечкиге тамак жасай турган убакыт келсе да козголбоду. Кулубек өзү туруп барып бирдеме жасамак болду. Азада үндөбөй карап турду. "Каап, апам жасап жатканда неге үйрөнүп албадым экен, эмне болот, жасай албайм деп кантип айтам?", - деп уялды. Кулубек үн дебей жасап алып келди. "Убакыттын өтүшү менен көнүшүп кетет, кайда бармак эле, сүйүүмө жооп алам, сүйдүрүп алам", - деп ойлонду өзүнчө. Эртең менен эрте сабакка чогуу жөнөшөт да, эки бөлүнүп кетишет. Азада менен чогуу окуган Азат деген жигит бар эле, ал бир мүнөз жигит. Экөө чогуу отургандыктан, мамилеси жакшы, негедир Азада ага күндөн-күнгө тартылып баратканын сезбеди. Үйүнө келгенден кийин дагы аны ойлоно берчү болду. Өзүн-өзү кармап: "Мен күйөөлүү аял болсом, ал мени карамак беле, кой андан көрө", - деп ойлонуп Кулубек келгенче тамак жасаганды үйрөнмөк болду. От жагып тамакка киришти. Адегенде этти салып, анан бир баштан калганын салып атып мискейдин четине колун күйгүзүп алды. Колун үйлөп ачышканына чыдабай бирдеме сыйпаганча тамагы күйүп кетти. Ошентип эмне кылаарын билбей аргасы кетип турганда Кулубек келип калды:
- Эмне болду?
- Тамак жасайын дегем.
- Ой кокуй күн десе, койо турбайт белең, же кардың ачтыбы? - Кулубек күлө бетинен өпмөк болгондо жүзүн үйрүй ары бурулуп кетти:
- Эмне шылдыңдайсың?
- Шылдыңдаганым жок. - Кулубек томсоро түштү, - Тентегим десе, кайненемдин эркеси, сени шылдыңдап эмне, башым экөө беле?
- Колум күйүп калды.
- Кел картошка кесип баса койолу, - деп Кулубек картошканы жука кесип, колуна басты. - Жалакай экенсиң го, ушуга да ыйлактайсыңбы?
- Ачышып жатсачы…
- Эчтеке болбойт, ушинтип бышасың, этият болбойт белең.
- Мен жооп алып келдим.
- Качан жөнөйсүң?
- Азыр.
- Чогуу барып келели…
- Өзүм эле барам.
- Азада, сен төркүлөй элексиң, апамдар капа болушпасын, салт деген бар да?
- Барып келем, алар билбейт.
- Өзүң бил.
- А сен айтпа.
- Болуптур айтпайм, - Кулубек жылмая келинчегине караган бойдон туруп барып, тамакты өзү бышыра баштады. Азада тултуюп отурганда кайненеси Шааркан кирип келди. Кулубек колундагы кашыкты койо салып кызарып кетти:
- Кел, апа.
- Келдим, балам.
- Атамдар жакшы жатабы?
- Жакшы, баары жакшы, силерден кабар алайын деп эле келип калдым, кыйналган жоксуңарбы, балам? - Шааркан Азадага карады. - Экөөң тең окусаңар, кыйынчылык болбой койбойт.
- Кыйналган деле жокпуз. - Кулубек апасынын жанына отура кетти, Азада аргасыз тамагын караганы чыкты.
- Ээ, балам, бу өзүң тамак жасаганың эмнең? - деди Шааркан келини чыгып кеткенде. - Аа-а, балам, сулуу катын алам деп өзүң казан кармап калгансың го?
- Жок, апа, Азада колун күйгүзүп алды, анан аралаштырып койойун дегем. - Кулубек актана кетти.
- Ээ, балам, эмитен сырыңды алдырба, аял деген жаман калк болот, жакшыга да, жаманга да чыдайт, көндүрүп алсаң кийин сөзүң суу кечпей калат.
- Азада андай эмес, апа, бири-бирибизге жардамдашпасак болмок беле.
- Кой, балам, эркектин эркектей эле болгону жакшы, өзүң болбой алып алдың. Болбосо жакшы кызды чоттоп жүрдүк эле, мейли эми жакшы жашап кетсең болду…
Аңгыча Азада дасторкон жайып, чай алып келди. Шааркан келининин түрүн карап отурду. "Мисирейген желмогуз, ушул жүзү менен уулумду азгырып алды да, сумсайып бир жылмайып койбойт, чиркин, уулумду теңине албай жүргөн жокпу?", - деп унчукпай алдыга келген тамактан алып, уулун карады.
- Апа, бир аз күйүп кетиптир…
- Минтип тамак ичкениңер болбойт, даамы кантет, ботом.
- Бүгүнкү тамак ушундай болуп калды, кечириңиз, апа, - Азада уяла карады.
- Кой, муну төгүп эле койгула, тигинде жаңы союлган козунун эти бар, ошондон асып кой, - деди Шааркан. Кулубек этти даярдап бергенден кийин Азада мискейге челкилдете суу куюп, эптеп отко койду да, Кулубекти карады. Ал акырын чыгып:
- Эмне болду? - деди шыбырай.
- Тузду канча салаарымды билбейм…
- Жинди, - Кулубек келинчегин мурдунан чымчый аш кашык менен туздан сузуп салып коюп, үйгө кирди. Шааркан уулунукунда эки-үч күн туруп, анан кетти. Азада андан тартынып, апасына бара албай калды.
Бир күнү Кулубек аялын күтүп отуруп уктап калды. Азада сабагына кеткен бойдон келе элек. Ойгонсо күүгүм болуп калган экен, сыртка чыкты, эки жакты карады, аялынан дайын жок. Тээ түнкү он бирлерде сыртка машина токтогонунан чыга калып, Азаданын үнүн эшитти:
- Жакшы баргыла, рахмат жеткирип койгонуңарга.
- Жакшы кал, эртеңге чейин! - деп, машина ордунан козголду.
- Азада, келдиңби?
- Ооба, - деп Азада ичкери кирди. - Эмне, келбейт дедиң беле?
- Жо-ок, кабатыр болдум…
- Кабатыр болгудай жаш кыз белем, бир курсташыбыздын туулган күнү экен, барбайм деп айталбадым.
- Макул, макул эми, - Кулубек келинчегин кучактамак болду эле, ал ары басып кетти:
- Чарчадым.
- А мен сени сагындым…
- Койчу.
- Эмнеге, ысыгыбыз али тарай элек, бир ай гана өттү, оюма койсо эч жакка жибербей күнү-түнү кучактап жатмакмын, - деп Кулубек болбой эле кучактап жүзүнөн, алкымынан аймалап кирди. - Өз аялымды кандай эркелетем өзүм билем да, бир аз көрбөсөм сагынып кетем, сен мени ойлойсуңбу?
- Жо-ок. - Күйөөсүнөн боюн ала кача көкүрөгүнөн түрттү. - Чарчадым, эс алайынчы.
- Менин сенден кумарым таркабай жатпайбы?
- Өпкөнүң жакпайт.
- Эмнеге?
- Ушинтип эле…
- Сен мени сүйбөйсүңбү?
- Балким.
- Сүйдүрөм сени, сүйгөндө да кандай сүйөсүң, ошондо билесиң, алтышкам! - Аялын белинен имере кучактап төшөккө жыгылды. - Кел менин кучагымда эс алчы, мени бакытка бөлөп, рахат тартуулачы, эркем…
- Болдучу, жүдөп кеттим. - Азада күйөөсүн болбой эле түртүп, ары карап кетти.
- Ушунчалык эле жек көрөсүңбү?
- Жо-ок, чарчадым деп жатам го?
- Чарчаган болсоң макул, - деген Кулубек чалкасынан түшүп жатып калды. Азада көзүн жумуп алып, Азатты ойлонду: "Эмнеге бул менин жолумдан чыга калды, бир аз жүргөндө Азат менен жакшы болуп кетмекмин. Мен аны сүйөм, ал мени курсташ катары гана көрөт, эмне кылышым керек?", - деп, уйкусу качса да козголо албай жата берди. Кокус кыймылдаса эле Кулубек аны кучактап, өпкүлөп жүдөтчүдөй. Экөө ошол түнү эки жакты караган бойдон укташты. Кулубек: "Бул мени сүйбөсө, жалынып-жалбарып канчага жашашым мүмкүн, канчага чыдай алам, мага түбөлүк жар болуп береби?", - деген ойлор менен алыша уйкусу келбей ооналактап жатты. Анын тынчы кетип ары-бери оодарылып жатканын Азада билип-туюп турса да былк этпей жата берди. Бул түн экөөнө тең жагымсыз болду, бирок акырындап аралары алыстап баратканын сезишпеди. Эртеси Азада сабакта отуруп Азатты жал-жал карай берди, сабакка көңүл бурган жок, анын өзүн карап жатканын сезген Азат сабак бүткөндө жандай чыгып баратып:
- Азада, Азат, кандай уйкаш аттар, бирок ортобуз алыс, - деп колунан кармап күлүп койду.
- Жаңылыштык дүйнөдө болуп турчу нерсе…
- Сен күйөөңө сүйүп тийдиңби?
- Жок, анын ата-энеси куда түшүп алып берип койгон.
- Сенчи, сен аны сүйчү белең?
- Жок-жок, мен каршы болгом, бирок Кулубек артыман түшүп алды, кыскасы биз бир үй-бүлөбүз.
- Өкүнүчтүү.
- Эмнеси?..
- Бири-бирин сүйбөй жашоо…
- Ал мени сүйөт, балким, мен дагы сүйүп кетээрмин.
- Өзүңдү өзүң алдаба!
- Ал эмне дегениң?
- Ошо, сенин көздөрүң айтып турат.
- Андай болушу мүмкүн эмес.
Азат Азаданы колунан ала бак аралап басып баратты, негедир ушул кезде Азаданын жүрөгү кабынан чыга жаздачудай түрсүл какты.
- Азада.
- Ийи.
- Чын эле сен аны сүйбөйсүңбү?
- Эмнеге антип сурадың?
- Уккум келет.
- Чынында сүйбөйм, башка дүйнөдө жүргөнсүйм, ал мени сүйөөрүн айтып күндө жалдырайт…
- Ошондой де…
- Ошондой, Азат, жашоо ошонусу менен кызык болсо керек ээ?
- Адам чечкиндүү болушу керек.
- Эмнеге минтип жатасың?
- Сени күйөөңдөн башка дагы бирөөнүн сүйөөрүн билсең жакшы болмок.
- Ким?
- Мен сени жаңы келгенде эле сүйгөм, сага айтканча күйөөгө тийип кетпедиңби…
- Ишенбейм, анда биз жаңы таанышканбыз…
- Ошон үчүн сени алдырып ийдим да, - Экөө тал түбүндө кол кармашып көпкө отурушту. Азаданын саамайы болоор-болбос желге сеңселип жүзүн жабат. Азаттын сөзү түгөнөөр эмес. Анын сүйлөгөн сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай жүрөгү элеп-желеп боло: "Мен сени сүйөм, Азат, тагдырыма таарынам, эми сага мен тең эмесмин. Алган күндө дагы бир күнү айтылып калаар, андан көрө сүйүүбүз таза бойдон жүрөгүбүздө сакталып калсын. Сенин мени сүйөм деген сөзүңдү укканым үчүн бактылуумун", - деп толкундангандан көзүнө жаш кылгыра сүйлөөгө кудурети жетпей турду.
- Азат.
- Оов.
- Эми кеч, мен келинмин, бирөөнүн жарымын, сен жаш жигитсиң, алдыда дагы далай күндөр бар, пешенеңе дагы бирөөнү жазгандыр. - Азада жашка муунуп ушуну айтууга араң жарады.
- Азада, сен антпе, мен сага сүйүүмдү билдиргенче бирөө илип кеткен, али убакыт бар, кел сен экөөбүз бир жакка качып кетебиз.
- Жок, Азат, болбойт. - Азада колун тартып алды. - Биздин тагдырыбыз эки башка, биз буга көнүшүбүз керек…
- Макул, дагы ойлон, - деп колдон ала берээрде ары жактан Кулубектин карааны көрүндү. Аны байкаган экөө эки жакка бөлүнө беришти.
- Азада, кеттикпи? - Кулубек өзүн кармай ушинтти.
- Аа-а, кеттик. - Азада тайсалдай күйөөсүн көздөй басты.
- Сен кечиккениңден келгем.
- Мен азыр жөнөгөнү жаткам, сабак боюнча сүйлөшүп жаттык эле…
- Мейли, иши кылса окууңда жаман нерсе жокпу?
- Жок, баары жайында, - Азада көздөрүн ала качып жер карай басты.
- Алтышка, бүгүндөн ары сабактан чыгып эле сага келем, чогуу кетебиз, - деп колтукташа кетип бараткан жаш жубайларды Азат узата карап кала берди. Кулубек бир топ узагандан кийин артын караса Азат дагы эле карап туруптур. Колун булгалап коюп, келинчеги менен тамашалаша басып кетти. Азада ызаланып ыйлагысы келип, Кулубектин сөздөрү кулагына кирбей эмелеки Азаттын сөздөрүн эстеп керең адамдай дулдуюп кете берди. Үйүнө келгенден кийин да унчукпады, Кулубек Азаданын каш-кабагын байкап, ичтен тына тим болду. Ошентип жашоо өтө берди. Ошондон кийин тыныгуу маалында Азада Азат экөө аудиториядан чыкпай сүйлөшүп отура беришет, сүйүү жөнүндө сүйлөшпөгөн сөздөрү калган жок. Ал күнү дагы экөө китепканага бирге барышты.
- Азада, - деди Азат келинди жандай.
- Эмне болду?
- Сенин күйөөңдү жек көрүп баратам.
- Эмнеге?
- Сүйбөгөнүңө карабай зордоп алып алганы үчүн.
- Мен жаштык кылдым.
- Чечкиндүү болушуң керек эле.
- Эми баары өттү, Азат, сен өзүңдү сүйчү кыздарды изде, кыз деген толтура.
- Жок, антип мени алыстатпа, - Алар ошентип сүйлөшүп отурганда Кулубек келип, Азаданы таппай калды. Аудиториянын ичи-сыртын карап, анан китепканага жөнөдү. Эми кире бергенде Азат менен Азада чыгып келатып, Кулубек менен беттеше түштү.
- Азада, эмне кылып жүрөсүң?
- Окуп.
- Өзүң келе албайсыңбы? - Бир Азатты, бир Азаданы карап, саал кызаңдай түштү.
- Эмне болду?
- Сен кимсиң? - Кулубек Азатка суроо узатты.
- Мен Азатмын.
- Күйөөсү бар экенин билесиңби?
- Билем.
- Билсең эмнеге көлөкөсүндөй ээрчип жүрөсүң?
- Кулубек, эмне болуп атасың, чогуу даярдандык, эмнеси бар экен? - Азада ачуусу келип тиртеңдей түшкөн күйөөсүн колунан силкти. - Мен өзүм деле барам үйгө, сен кайтарып жүрө бермек белең?
- Бас кеттик. - Кулубек келинчегин колдон ала дегдеңдете сүйрөп жөнөдү.
- Болду эми, жай басчы!
- Кеттик деп жатам!
- Койо бер колумду! - Азада жиндене колун булкуп тартып алды. - Сабакка келбей коюшум керекпи?
- Сени ким келбе деп жатат, бүгүндөн ары китепканага экөөбүз келебиз, мени күтүп турасың, уктуңбу?
- Күтө албайм, теңтуштарымдан бөлгүң келсе каалаганыңды кыл! - деп Азада туруп алды, Азат ары басып кеткен эле.
- Койчу эми, таарынбачы, жаным, өз аялымды башкадан кызганам да, - деп Кулубек жоошуй түштү. - Жүрү эми үйгө кирели.
- Азыр…
- Кечирип кой, жаным, кызганчаактыгымды мойнума алам, анткени сени өзгөчө сүйөм, бирөөгө колуңду карматкым келбейт, - деп Кулубек Азаданын таарынычын жаза албай көпкө убараланды. Азада ошол эле жерден жашагысы келбесин айтып кетип калгысы келген менен өзүн-өзү кармады. Экөө ээрчише үйгө келгенден кийин да көпкө унчугушпай өз-өздөрүнчө үңкүйүп жүрө беришти. Кулубек Азаданы кечирим сурайт деген ойдо болду, бирок ал тултуюп жатып алды. Кеч киргенде ордунан турган Азада кийинип бир жакка бармак болгондо Кулубек:
- Кайда? - деди олурая.
- Кыздар менен жолугушуум бар.
- Эртең сабакка барганда жолугасың.
- Азыр барышым керек, курбумдун туулган күнү.
- Белегин эртең берип койосуң, сен күйөөсү бар аялсың, өзүңдү-өзүң билип басып кеткениң кантип болсун?
- Мен сени уккум келбейт, башымды байлап алдың беле?
- Күйөөңмүн!
- Мен эркин адаммын, эмитен көз каранды болгум келбейт!
- Азада, токто деп жатам!
- Токтото албайсың. - Азада булкуна чыгып кетмек болгондо Кулубек кармап калды.
- Эмнеге, мен сага киммин?
- Эч ким, сен мага эч ким эмессиң, уктуңбу?
- Мына сага! - Кулубек ачуусу менен жаакка чаап жибергенде ал бетин басып ыйлап отуруп калды. - Отур азыр, сени апаңа өзүм алып барып берем, - деп колунан кармап төргө өткөрдү. - Мен сени акыры көнөт, баары орду-ордуна келет деп жүрсө өзүңдү ким деп ойлоп жүрөсүң, күйөөсүн сүйбөгөн-тоотпогон аял өз жазасын алат, болбосо эрсиз калат!
- Эрсиз жүргөнүм жакшы болчу, сен мени макулдугумсуз алдың, койо бер мени, кетем үйүмө! - Азада ыйлап эшикти көздөй жулунганда Кулубек кайра кармап калды.
- Сени апаңдын колуна өзүм тапшырып келем, азыр кеч болуп калды, тынч отур, - деп Кулубек аны чыгарбай койду.
- Кеч болсо боло берсин, такси менен кетип калам, койо бер мени, эми бул жерде бир күн дагы туралбайм.
- Чыда, таң атсын, - деп болбой койгондо Азада ыйлап отуруп калды. Ошол күндүн эртеси таң атаары менен энеси Кайрынса келип калды. Кулубек кайненесин жакшы кабыл алды. Азаданын түрүн көргөн эне кыз-күйөөсүн алмак-салмак карап тим болду, аны сезген Кулубек чыгып кетти.
- Кызым, кабагыңа кар жаап капа болгон түрүң бар го? - деди күйөө баласы чыгаары менен.
- Эчтеке болгон жок, - деп бурк этти Азада.
- Жо-ок, кызым, сенин сырыңды мен гана билем, эмне тамак жасагандан кыйналдыңбы, кир жуугандан тажадыңбы?
- Жок дейм.
- "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере" деген, кызым, менден эч нерсе жашырба, бир нерсеге капасың. - Эне кызына үйрүлүп түшө көкүлүнөн сылап өөп койду. - Күйөөнүн түйшүгүнө, ыдыгына чыдаш дагы оор, өзүңө тыкан болушуң керек. Бир үйдүн түйшүгү сени кыйнаган го, баягы эркеликти ташташың керек, кызым…
- Эмнеге мени тажагансып күйөөгө бердиң, ошондо эле айтпадым беле, сүйбөм-тийбейм деп, - Азада апасына атырыла өңгүрөп ыйлап кирди. - Сен кылдың, тийбейт болчумун!
- Ок, кантет бу кыз, эрге тийбегенде эмне кылат элең, тектүү жердин баласы экен, ата-энеси жаман эмес, ушу өзүңдөн кетип жаткан болбосун?
- Ооба, баарына мен күнөөлүүмүн, кетем сени менен, бул жерде кала албайм!
- Кызым, чалпоолугуңду, өжөрлүгүңдү карматып калыпсың, менин сенден башка бул жашоодо эч кимим жок, сени бактылуу гана болсун деп тилек кылам, бир акындын жазганы эсимде, - эне Азаданы ойлуу карады.
- Бакытты баалабагын бакыт менен.
Тамакты даамдабагын кашык менен
Эгерде бакыт сага өзү келсе.
Эсирбей кармана бил акыл менен, - деген экен. Сен өзүңдүн бактылуу экениңди сезбей турасың, адам баарынан жаңылып, кемчилиги оңолбой турган болуп өзгөргөндө гана өкүнөт, кайгырып өзүн-өзү жектейт, бирок ордуна келбейт, - деди апасы аста гана.
- Эмне кылышым керек, ушинтип жашай беремби?
- Кулубек бирдеме дедиби, жаман айттыбы? - Кайрынса кызын суроолуу карады.
- Жок!
- Анда эмне, окууң тоскоол болуп жатабы?
- Жок.
- Себеби жок болсо анда эмнеге жашагың келбейт?
- Сүйбөйм, көргүм да келбейт!
- Эсиңе тутуп ал, кызым, мен сенин энеңмин, мээримимди жалгыз сага төгүп, оюң менен болуп чоңойттум. Ошол эле учурда менин катаалдык жайым да бар, эгер кетем десең мени эстебе, кайда барсаң ошол жакка бар, менин эшигимди аттап барчу болбо!
- Апа…
- Болду, айтканым айткан, мени энем деп сыйласаң жылуу ордуңдан козголбо. Мен сенин жакшы жашап жатканыңды көрүп көзүм кубансын, көкүрөгүм-көөдөнүм согуудан калгыча көөнүм тына турган болоюн деп келгемин. Сенин мындай акылсыз сөзүңдү угам деп келген эмесмин! - деди да, Кайрынса сыртты көздөй жөнөдү. Кулубек үйдү айлана басып кетип, арытан келгендей түр көрсөтө алдынан чыкты:
- Апа, кайда жөнөдүңүз?
- Мен кеттим, балам, Азаданын оозунан жакшы сөз, жүзүнөн жылмаю, күлкү көрмөйүн кайрылып келбейм, - деп короодон чыгып кетти.
- Апа-а! - деп Азада артынан чыга калып, кыйкырды эле токтогон жок. Кулубек ооз ачып сүйлөгөнгө жарабай делдейип карап кала берди. Азада шолоктоп ыйлап жатты. Көптөн кийин гана эри аны үйгө колтуктап алып кирип:
- Сабактан кечиктик, жуун кеттик, - деп өзү да кийине баштады. Азада ооз ачпады, бир чекитти тиктеп отура берди. Ал күнү экөө тең сабагына барган жок. Керээли кечке турбай чүмкөнүп жатып алып, ыйлай берди. Кулубек кайненесинин кайратына таң калып турду, ал баарын уккан. Ошондон кийин Азада бир аз оңолуп калды. Сабагынан эрте келип, тамак-ашын жасаганга көнүп, үй ишин өзү кылат. Бирок Азат анын жанынан чыкпай дептерине кат жазып салып коюп, кээде атайын эле тийишип, сүйүүсүн арнап тынчын алып, көлөкөдөй ээрчип алды. Азада ага карабай өзүн зордоп, апасын таарынтып алганына жүрөгү ооруп жүрдү. Бир күнү паркта келатса алдынан Азат тосуп чыкты:
- Азада, сүйлөшүп алалычы.
- Эмнени, биздин ортобузда сөз болушу мүмкүн эмес.
- Өзүңдү зордоп жатасың, сүйбөгөн адам менен өмүр бою минтип жашай албайсың. Кел отурчу, сүйлөшөлү.
- Менин сага айтаар сөзүм жок.
- Бар.
- Жок деп жатам, жолумду тоспо!
- Мен сени сүйөм.
- Жок, менин күйөөм бар, азгырбачы, Азат.
- Азгырбайм, сен дагы мени сүйөөрүңдү билем.
- Жалган!
- Чын.
- Жалган.
- Азада, сен мойнуңа алышың керек, Кулубектен кет. Сен аны менен бактылуу боло албайсың.
- Ал менин ишим, менин тагдырым, сага тиешеси жок! - Азада басып кетмек болду эле, Азат аны билектен алды.
- Ишен мага, Азада!
- Ишенбейм, сен кимсиң мага, менин күйөөм менен кандай ишиң бар? Бул Кулубек экөөбүздүн турмушубуз, биздин тагдырыбыз.
- Мен көздөрүңдөн көрүп турам, сен бактылуу эмессиң.
- Бактылуумун.
- Калп, өзүңдү алдап жашай албайсың.
- Жолумду тоспо!
- Сен меники гана болушуң керек.
- Андай эмес, мени жолумдан адаштырба.
- Мени түшүнчү, Азада, ал сенин сулуулугуңа гана азгырылып жүрөт, сүйбөйт сени.
- Ишиң болбосун.
- Мен сенин капаланып жүргөнүңдү көргүм келбейт.
- Мен бактылуумун, сен мени көрө албай турмушумду бузгуң келип жатат. - Азада көздөрүнөн жаш мончоктой бак ичинде кулачын кере тегеренип каткыра баштады. - Мен кандай гана бактылуумун, а сен көрө албай жатасың, мени бактысыз кылгың барбы, Азат? Мен аябай бактылуумун!
- Азада! - Азат аны кучактап алды. - Көрдүңбү, сен өзүңдү зордоп айтып жатасың. Алтургай ызалуусуң, минтип канчага чейин чыдайсың? - Эки карыдан ала булкулдатып ийди. Азада мас болгон эмедей каткыра берди:
- Жо-ок, Азат, мен аяба-ай бактылуумун. Кулубек мени кандай сүйөөрүн сезбейсиң, билгиң да келбейт. Мен дагы аны сүйгүм келет, ал мени сүйгөндөй сүйсөм дейм.
- Болду, сүйлөй бербе, элдер карап жатат. - Азат Азаданы бооруна бекем кысып алып, чачтарынан сылады.
- Койо берчи, Азат, мени өз жашоомо койо берчи. Минтип кыйнабачы, никелүү эрим бар, сен менден алыс болчу. - Азатты өзүнөн алыстата түрттү. - Мен эч кимди сүйбөйм, күйөөмдү гана сүйүшүм керек!
- Азада, мейли койо берейин, бирок мен сенин көздөрүңдөн бакытты көрсөм баарына кайылмын. Сенден алыс жүрсөм да сенин бактылуу күлкүңдү уккум келет, ошондо гана мен өзүмдү бактылуудай сезем, - деп кучагынан чыгарбай улам өзүнө тартып, бооруна кыса берди. Көптөн кийин гана Азада Азаттын төшүнө башын жөлөп алып, буркурап ыйлап кирди. - Болду эми ыйлабачы, көкүрөгүңдө бир айтылбаган арманың бугуп жатканын сезип туруп чыдай албай баратам, Азада. Бактылуу адам андай көрүнбөйт, көздөрүндө күлкү, жүзүндө жылмаю болот, жаңы көргөнүмдө сен башкача жан болчусуң, азыр андай эмессиң.
- Эмне кылышым керек? - деди Азада улутуна.
- Өзүңдү кыйнаба, ачык айт да, андан кет.
- Кетиреби?
- Кетирбесе өзүм сүйлөшөм.
- Эмнени сүйлөшмөксүң? - деген Кулубектин үнү чыкканда экөө тең үн чыккан жакка жалт карай бири-биринен бөлүнүп туруп калышты. - Сен, жигит, жолумдан мындай учурда чыкпашың керек эле. Менин аялымды азгырганга кантип дитиң барды? - Кулубек аларга жакын басып келди. - Азада, кетесиңби же муну менен каласыңбы?
- Сени сүйбөсө, капаска салган көгүчкөндөй кылып канчага кармайсың? - деди Азат ага тиреле.
- Сенин ишиң болбосун, бул менин аялым, адегенде өзүң бир көгүчкөндү кармап көрчү, колуңдан келээр бекен? - Мазактай күлдү Кулубек. - Бирөөнүн аялына көз арткыча башка жактан изде керектүүңдү!
- Мени Азададан сен ажыраткансың.
- Ушул чынбы? - Кулубек Азаданы карыдан кармай өзүнө каратты, ал көздөрүнүн жашын куюлта үнсүз жалдырап турганда Азат:
- Аны опузалабай, менден сура, алсыз аялды коркутуп, өмүр бою алып жүрө албайсың!
- Мен сенден сураганым жок, ушул чынбы деп жатам!
- Ооба, чын, ушул эле керекпи сага, мен үйгө барбайм, кете бер өзүң! - деди Азада.
- Азырынча менин никелүү аялымсың, үйгө барып чечебиз, - деп колдон алганда Азат Азаданы өзүнө тартты:
- Кое бер, барбайм дегенин уккан жоксуңбу?
- Сен кимсиң? - Кулубек жини келип, Азатты муштумун түйө бир урду эле, ал дагы шилтеп калды. Экөө мушташып киргенде Азада:
- Жарда-ам, жардамга келгиле! - деп кыйкырып ортого түштү. Кулубек ачуусу менен ары түртүп ийгенде, тайсалдап барып, чоң түп талга тийип жерге кулады. Азат жетип аны өйдө кылайын деп эңкейгенде Кулубек бир тепти:
- Бирөөнүн аялына тийишкен кандай болот экен? - деп тепкилеп жатканда эс алып жүргөндөрдүн баары жетип келип, Азаданы тегеректей үйүлүп калышты. Ошондо бир жигит:
- Уятыңар барбы, тигил кыз аз кечиксеңер өлүп калышы мүмкүн, тезинен ооруканага жеткириш керек, - дегенде гана экөө тең топтошкон элди жирей кан-сөлү жок бозоруп, кыймылсыз жаткан Азаданы көрүп коркуп кетишти. Азатка жеткирбей Кулубек аялын көтөрүп алып, таксиге жөнөдү. Азада ошол бойдон түн бир оокумда эсине келди. Жанында Кулубек отурган, аны көрүп жүзүн буруп кетти.
- Азада, жаным, кечир мени, мен сени кызганып кеттим, - деп Кулубек колунан кармамак болгондо ал колун тартып алды. Азат коридордо отурган, Азаданын эсине келгенин врачтан угуп кирип келди.
- Азада, кандай сезип калдың өзүңдү?
- Жакшы-ы, - деп аны көргөндө болоор болбос жылмайды.
- Баары жакшы болот, эч ойлонбо, врач менен сүйлөштүм, эч коркунуч жок деди.
- Сен кимсиң, бирөөнүн аялы менен кандай ишиң бар, ыя? - Кулубек тиртеңдеп ордунан тура калды.
- Бүгүндөн баштап ал сенин аялың эмес! - деди Азат да ага тирелише. Ошол маалда сестра кирди:
- Оорулууга тынчтык керек, эми кете берсеңер болот, азыр капельница алат.
- Жетишпегенин айтыңыз, чоң кыз, өзүм алып келем, - деп Кулубек сестрага караганда ал жылмая:
- Баары бар, бул жигит төлөп койду, - деди.
- Эмне-е, менин аялым үчүн төлөгүдөй сен кимсиң?
- Кулубек, - деди ошондо гана Азада. - Ушул жерде да урушкуң барбы, болду эми, мага келгениңди кой.
- Азада, ал эмне дегениң, керек болсо мен сенин жаныңда болом, өзүм карайм, сен мени кечирчи.
- Бар, Кулубек, мен эс алышым керек, башым ооруп кетти.
- Мейли эс ал анда, мен сыртта болом, - Кулубек Азатка кайрылды. - А сенин төлөгөн акчаңды берем, бара берсең болот.
- Азат! - деп Азаданын үнү чыкканда экөө тең аны карап калышты. - Азат, сен жанымда бол, а сен Кулубек кете бер! - деди да, ары карап жатып алды. Кулубек эмне дээрин билбей Азатты жек көрө карап алып, чыгып кетти. Ошол бойдон келбеди, намыстанды. Азат күндө жанында, чыгаар күнү Азада Азатка да билгизбеди, анткени ага врачтар кош бойлуу экенин айткан. "Экөөнө тең билгизбей апамдыкына кетип калам" деген чечимге келип, өзү чыгып кетти. Азат анын айылын да, ата-энесинин атын да сураган эмес. Келип палатадан таппай калган соң Кулубек алып кеткен тура деп аргасыз калып калды. Кайрынса кызынын өңүн көрүп чочуп кетти. Эч нерсе сурабады, катуу айтып таштап келгенине өкүндү ичинен. Кез-кез башым дей коюп жүрүп, акыры Азада кыз төрөдү. Кулубек келген да жок, ошондон баштап башынын оорусу күчөп, врачтарга көрүнсө жүлүндө сары суу бар экен дешти, эки жолу суу алгандан кийин жакшы болгонсуп калган. Кызы алты айга карап калган, өзүнө окшогон кызын аябай жакшы көрчү. Атын Кайрынса өзү Насият койгон. Алты айга толо элек кызын таштап түндө көз жумуптур, Кайрынса кызы ыйлап жатканынан алардын жаткан бөлмөсүнө кирсе кызына аябай жандалбас кылса керек, чачтары жайылып, эки колу менен башын кармаган бойдон кете бериптир. Ошентип кара чечекейинен айрылып, андан калган Насиятты медер тутуп жашап калды. Насият башы оор кыз болду, Кайрынсанын айтканын илгиртпей жасайт, сабакты да жакшы окуйт. Заман оорлоп баратканда жалгыз уюн сатып, Насиятты үч жылдык окууга окутуп койгон. Сүрөттөгү көчүрмөсү сымал кудум эле апасынын өзү болуп баратты. Эненин жүрөгү миң ирет зыркырап небересине көрсөтпөй ыйлап алат да, барына тобо кылып отуруп калат. Насияттын колун сурап, өз айылынан далай жуучу келди. Аларга Кайрынса:
- Кой, кызым жаш, өзү каалаганына чыксын, - деп таптакыр болбой койду. Ала качмак болгондорго да чыгарбай жүрүп, кийин шаарга жөнөтүүгө ниеттене, - Кызым, сага бир айтаар аманатым бар, сенин атаң шаарда, чоң болуп иштейт. Мен картайдым, кокус көзүм өтүп кетсе жалгыз томсоруп каласың, атаңды издеп тапканга аракет кыл, - деди эле, Насият:
- Кереги эмне, апа, убагында апамды кадыр кылбаса, - деп койду акырын.
- Жо-ок, кызым, бир туугандарың болсо жалгыздыгың билинбей калат, атасынын аты Жоробек, апасынын аты Шааркан, издеп тап.
- Апа, мага капа болбочу, эгер мен күйөөгө чыгып калсам ушул үйдө болом, сизди өзүм карайм, - Насият таенесин кучактап өөп койду.
- Ботом, күч күйөө болмок беле? - Эне небересин күлүмсүрөй карады.
- Мени сүйсө баарына даяр болот да.
- Садага болоюн десе, сүйүүң менен куруп калгыр, апаң да сүйбөй тийдим деп жүрүп баса берген.
- Анда атамда күнөө жок экен да?
- Ким билет, башым деп бир илдетке чалдыгып келди. - Эне кызынын келгендеги түрүн көз алдына келтирди. Ал Азаданын ооруканадан келгенин билген эмес, өзү да айткан эмес, ошондуктан эч нерсе деп айталбады.
- Апа, атамдын фамилиясы ким?
- Ким билет, атасынын атын эле билем, Жоробекович болушу мүмкүн, - деди Кайрынса ойлуу.
- Кайда иштегенин билбейсиз…
- Жо-ок, кызым, элден эле угам. Ата-энеси деле жакшы кишилер эле, Азадага бата кылганы да келишкен жок, балким Кулубек жибербей койгондур.
- Эмнеге, апа?
- Билсем канна, кызым, эчтекесин билбейм.
- Анда мен аны табам дагы чындыкты билем, - деди Насият таенесинин тизесине башын койо. - Апам жөнүндө сөзсүз билишим керек.
- Каралдым десе, жакшы жүр, кызым, өзүңө сак бол. Менин айтайын дегеним качандыр бир кезде көзүм өтүп кетсе төркүнсүз калба, дүнүйөдө ишенээри, таянаар таянчыгы жок калган жаман. Кайгырсаң көңүл көтөрөөрүң жок арман кылып жүрбө, эмдигиче Кулубектин деле бала-чакасы чоңоюп калгандыр…
- Алардын мага кереги жок, апам эмнеге андан кеткенин билсем болду, - деп, Кайрынса менен коштошкон кыз таксиге түшүп жөнөп кетти. Кайрынса алтымыштарга чыгып калган кайраттуу аял, небересин узатып ичкери кирди да: "Аттиң, жалгызымдан жалгыз медерим калды эле, өмүрүн узун кыл, жараткан, багын ач, кичинекейимди томсорто көрбө. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу адамдарын табууга жардам бер", - деп, кызынын сүрөтүн карап көпкө телмирип тура берди…
Кулубек бул кезде беш баланын бакыйган атасына айланган. Бир кездеги жоопсуз, кадырсыз калган сүйүүсүн кээде эстегенде Азаданы жек көрүп кетет. Каратып туруп Азатты жактап, өзүн кетүүгө мажбур кылганы, анын жалындаган сүйүүсүн суу сепкендей өчүргөн. Азададан чыгып, ата-энесине барып эле алар айтып жүргөн кызга үйлөнөөрүн билдиргенде кечиктирбей үйлөнтүп коюшкан. Сейилкан акыл-эстүү аял болду, балдарына мээримин төгүп, күйөөсүн сыйлап турат. Эң улуусу Нуртилек Насияттан бир жаш гана кичүү. Мектепти бүтүрүп, чоң окуу жайга тапшырып жатат. Насият шаарга келип, атасын издеген менен таба албасын билди да эптеп окууга тапшырды. Ага кызыкпаган мугалимдер жок эмес, жалдырама тийгенсип көздөрүн албай: "Тобоо, ушундай да сулуу кыз болот экен ээ, кандай гана адамдын энчисине тийээр экен", - деп, купуя бири-биринен кызганып алышат. Насият бир мүнөз, башы оор болгондуктан өзү теңдүүлөр менен дагы анча мамиле жасабайт. Окуусун бүтүп иштеп да калды, аңгыча арадан беш жыл өтүп кетти. Бир күнү ал көчөдөн жакшы айлыгы бар катчылык жумуштун жарнамасын окуп, барып көрмөк болду. Бул Кулубектин жарнамасы эле, жеке ишкерлик менен шугулданган ал өзүнө катчы издеп жаткан эле. Сейилкан ооруп калып, эң кичүү кызынын багуусунда. Эки уулун удаа үйлөнтүп, бөлүп койгон. Нуртилек өзүнүн жардамчысы болчу. Андан кийинки кызы турмушка чыгып, бир кызы менен бир уулу үйүндө. Алар да өз-өзүнчө окууда окушат. Сейилкан бир күнү Кулубекти чакырып алды да:
- Кулубек, мен болсо минтип калдым, сен ылайыктуу аялга баш кошуп ал. Сага жакшы зайып керек, мен сени карай албай калдым, - деди.
- Сейил, сен эмне деп жатасың, мен эми аялды эмне кылам, балдар укса эмне дейт?
- Балдардан кам санаба, сен ушу балдар үчүн жасап жатасың, жакында Актилекти да үйлөнтсөк, Айзирек эле калат. Кимбилет менен Нуртилек болсо адам болуп калышты, Айзиректи күйөөгө берсек менин көөнүм тынып, өлсөм да санаасыз өлөөрмүн…
- Койсоңчу, Секен, сен андай дебе. Касиет эми гана балалуу болду, неберелерибизди жаныңа алып мени күтүп турасың, кемпир, жаман ойлобо, - деди Кулубек чын дилинен. Бирок Сейилкан күйөөсүнүн ойноок экенин башында эле билчү, үйдүн аялы болуп, бактысына ыраазы экенин туюп үндөгөн да эмес.
- Жо-ок, Куке, сен антпе, сага сөзсүз бир аял керек, кир-когуңду жууп, жумуштан келгениңде астыңа тамагын койот. Эгер ооруп калбаганымда сени башкага ыраа көрмөк белем? - деп көзүнүн жашы жаагынан ылдый куюлуп, жаздыкка сиңип жатты.
- Сен сакайып кетесиң, Секен, кайрадан ооруканага алып барайынбы? Дагы текшертип, эгер кааласаң чет өлкөгө алып барайын, - деп Кулубек аялын колунан кармап, көз жашын аарчыды.
- Жо-ок, кайдан сакаймак элем, өзүң деле билип турасың…
- Дагы бир аракет кылып көрөлү, тил алсаңчы.
- Болбойт, андан көрө мени жакшылап ук, Актилекти тез арада үйлөнт. Айзиректи болсо келип аткан жуучулардын бирине узат. - Сейилкан улутунуп алды. - Аттиң, ушулардын жакшылыгында бутум менен басып, балдарымдын бактылуу жүзүн көрө албаганым арман. Ошентсе да үйлөнгөнүн көрүп, жүрөгүм кубанычтан жарылса да кайылмын.
- Сен көп сүйлөп ийдиң, Секен, эс ал, мен жумушка кеттим, Актилек менен болсо өзүм бүгүн сүйлөшөм, - деп Кулубек аялынын кан-сөлү жок, бет сөөктөрү оркойгон боппоз жүзүн кароодон тайсалдай эңкейип, эки бетинен өөп, эки жагын кымтылап, бөлмөдөн чыгып кетти. Сейилкан ички органдарында жара бар экенин билип, текшерилип эки жылдай ооруканада жатып жүрдү. Кийин врачтар анын жарааты ракка айланып кеткенин айтып, ооруканадан чыгарып коюшкан. Ушуларды ойлонуп кабинетине суз келди Кулубек. Ал келгенде Насият кабылдамада күтүп турган, аны бир карап алып эле жүрөгү болк этип алды. "Бул кайдагы кыз, кимди күтүп турат болду экен?", - деп токтой калганда уулу Нуртилек:
- Ата, сизге келиптир, жарнама боюнча, - деди алдынан чыга калып.
- Аа-а, - деп оозуна сөз кирбей кабинетин ачып кирип баратып, - Кириңиз, - деди. - Колуңдан эмне келет?
- Баары келет, агай, окууну бүткөмүн, башка жумушум деле бар, бирок маянасы азыраак, ошондуктан жарнаманы окуп, дарек боюнча келгем.
- Жакшы, жакшы-ы. - Кулубек кызды көз ирмемге тиктеп туруп: "Болушу мүмкүн эмес, балким башка бирөөгө турмушка чыккандан кийин төрөгөндүр, же жөн эле окшоштуктур", - деп өз ою менен алектенди. Ал антип мелтейе тиктей туруп калганда Насият көзүн ала кача: "Бул эмне эле теше тиктейт, колунда байлыгы барлардын кыздарды көргөндө ушинтип калмайы бар, иштебей эле койсомбу?", - деген ойдо ордунан шарт турду.
- Сизге кандай жумушчу керек? - деди анан.
- Аа-а, магабы, азыр-азыр, атың ким, отур, отура гой.
- Балким кабыл албайт чыгаарсыз?
- Жок-жок, эмнеге албайм, адегенде таанышалы. Кайдан болосуң, жашың канчада? Сертификатыңды көрөйүн, - деп Кулубек жылмая карап калганда анын жүзүнөн кандайдыр бир жылуулукту сезген кыз кандайча отуруп калганын байкабады.
- Мына окууну бүткөн сертификатым, - деди да, сумкасынан алып сунду.
- Кайдан болосуң? - дегенде Нуртилек кирип келди:
- Ата, мен иштер боюнча кетип жатам, бүгүндөн баштап мен өз ишим менен боло берейин.
- Өзүң бил, бул кыз, тоюс Насият менен таанышып ал, мындан ары биздин катчыбыз болот.
- Аа-а биз бир аз мурун таанышканбыз, - деп Нуртилек күлүп койду.
- Анда жакшы, өз ишиңе так бол, өзүңө да сак бол, жолуң болсун.
- Рахмат, - деп Нуртилек чыгып кетти.
- Эң улуу балам, үйлөнгөн, бир баласы бар, - деп койду жөн салды эле Кулубек.
- Жакшы экен.
- Кана эмесе сөзгө өтөлүк, - деп Насиятты тигиле карап, дагы тилин жутуп алгандай мелтиреп отуруп калганда Насият ордунан туруп:
- Кечиресиз, мен айнып калдым, өз ишиме эле иштейм, сертификатымды бериңиз, - деди шар эле. Ал бул улгайган адамдын өзүн жалдырай тиктегенинен шекип, калгысы келбей колун суна берди.
- Сага эмне болду? - Кулубек эсин жыя чочуй карады. "Көзү-кашы дал Азаданыкы, куюп койгондой окшош, кечээ эле болуп өткөндөй качанкы окуяны эске салган бул ким болду экен? Сүйлөгөнү да, караганы да өзү. Азаданын кызы болсо иштебей койсо да мейли, өткөндү эстетип жанымда жүргөнү өкүнүчтүү болоор", - деген ойго келди.
- Мен кетишим керек.
- Макул, - деген Кулубек Насияттын сертификатын көңүл бура барактап ачып, туулган жылын көрдү. 1985-жыл, он бешинчи марттагы экенин билген Кулубектин ичи уйгу-туйгу боло туулган жерин карады. "Ошол өзү, эмнеге мен мунун боюнда бар экенин билген жокмун? Сексен төртүнчү жылы сентябрда кеткен, демек эки айлыгында кеткен экен. Артынан бир барбай бекер кылыпмын, окуусун биротоло таштап да кетти, Азатка тийген жок, же…", - деп өйдө боло, - Насият, апаң кайда? - деп сурады.
- Апам жок, апамдын өлгөнүнө туура он тогуз жыл болду, а эмнеге сурап жатасыз? - Насият аны бүшүркөй карады.
- Жөн эле, ооруган бекен?
- Ошондой, мен кетейин, агай.
- Макул-макул, иштеген жериң кайда?
- Бир гезитте компьютершикмин.
- Кайсы?
- Сизге анын кызыгы кайсы? - деди да, сертификатын алып, кабинеттен чыгып баратты.
- Насият, таенең барбы?
- Ооба, - деп Насият бурула карап туруп калды да. - Сиз аларды кайдан билесиз?
- Таанычумун, - деп койду Кулубек ордуна отуруп жатып, кыздын чыгып кеткенин байкабай да калды. "Мен акмак экенмин да, бир эрке кыздын кадырына, жок-жок, биринчи арзуумдун кадырына жете албай өчөшүп, өлгөнүн да билбей алигиче кекетип жүргөнүмдү кара, байкушум арманда кеткен экен", - деп ушул ирет көзүнө жаш алып, өзүн жек көрүп турду. Ошол кезде телефон шыңгырады. Трубканы алган Кулубек:
- Угуп жатам, - деди. - Да-да, заказ алабыз, продукция бизде эң арзан жана сапаттуу, иштешсеңер биз даярбыз. Ооба-ооба, биз да даярбыз, - деп трубканы коюп, башын чеңгелдей: "Мен адам эмес турбайынбы, кайра ага өчөшүп, кароосуз таштаганымды кара. Сенин атаңмын десем ушул мага жолойбу, жаа бою качаар, мен жөнүндө таенеси жакшы сөз айтпагандыр", - деп кыжаалаттанып көпкө отурду. Негедир өзүнөн-өзү жүрөгү түпөйүл сыздай Азатка капыстан жолугуп калганын эстеди. Анда Кулубек бир балалуу болуп, Азат жаңы үйлөнгөн. Экөө жолдон бет маңдайлаша чыга калганда Кулубек:
- Кандай, жигит, Азаданы менден бактылуу кылам деп ала качтың эле, кандай жүрөт? - деди келекелей.
- Кандай дегениң кандай, Азада сени менен эмеспи? - Азат кайра өзүнө суроолуу тигилди.
- Сени менен калбады беле?
- Жаңыласың, ооруканадан өзүң алып кетипсиң го?
- Калп, мен ошол бойдон барган эмесмин, сени өзү тандабады беле?
- Анда, ал кайда?
- Билбейм, ырас эле сени менен кеткен жок беле?
- Жок, мен жакында үйлөндүм, бирок Азаданы кандай көрөөрүмдү билсең дагы да кызганаарсың? - Азат жылмайып койду.
- Башкысы ал сенден да, менден да качкан тура, - деп кол шилтей басып кеткен Кулубек ошол учурдагы өзүнүн Азатка ишенбегенине жини келди. "Жок дегенде бир барып билип койсом болмок. Азадам менин, эркем, сени барктай албаганымды кара, жаштыгыңды неге ойлободум? Рахмат сага, дал өзүңө союп каптагандай окшош кызды мага белекке таштап кетипсиң. Мен эми Насиятымды өзүм карайм, чоң окууга окутам, кетирген каталыгымды жуушум керек", - деп машинасына отурду. Насият апасынын айтканын таптакыр унутуп да калган. Кулубектин өзүн сугалактана караганы жакпай жиндене өзүнүн жумушуна кетип баратып, Кайрынсанын: "Кызым, өзүңдү жакшы сакта, сендей көзгө жакын кыздардын жоосу көп болот, эркектердин көзүндө, көңүлүндө болосуң. Эркектердин баары эле бирдей болот, жашы да, карысы да алдыңа тизе бүгүп, чөгөлөп жанын үрөй берет. Алар ошондой калк келет, сүйүп калдым десе ишенбе", - деген акыл-насаатын эстеп, өзүнчө ызырынып алды: "Жалдырап калат тим эле, апамдын айтканы туура окшойт". Аңгыча аялдамага жетти. Унаа күтүп турса жанына Айтбек басып келди:
- Саламатсызбы, чоң кыз?
- Саламатчылык, - деп Насият жактырбагандай ары карап кетти.
- Чоң кыз, таанышып албайлыбы? - Жылмая карады Айтбек.
- Эмне? - Насият аны мени менен таанышкыдай сен ким элең дегендей таңгала карады.
- Таанышса болбойбу?
- Болбойт.
- Менин атым Айтбек, - деп Айтбек болбой эле колун сунду, кыз аны бутунан өйдө карай сыдыра тиктеди:
- Кыз көрсөңөр эле ушинте бересиңерби? - Орой жооп кылды. - Менин таанышканга убактым жок!
- Көңүлгө жакпаган кыз менен ким таанышмак эле, мен сизди бир көргөндө ашык болгонго окшоп турам.
- Ушунча да маданиятсыз болосуңбу, шаардыктар маданияттуу дешчү эле, - деген Насият мурдун чүйрүй кабагын чытып, биринчи келген унаага түшүп кетти. Артынан түшкөн Айтбекти байкаган да жок, жол жакты тиктеп ойлуу кете берди. Качан өзү түшчү жерге келгенде, токтотуп түшүп, шашыла жумушуна кирди. Айтбек анын жумушун көрүп алды да, кечке маал акмалап туруп, жумуштан чыгып келатканда байкоостон чыга калган болуп:
- Оо, сулуу кыз, качсаң деле бизди тагдыр жолуктуруп койду. Кандайсыз, чоң кыз? - деп катарлаша басканда Насият уйгактай жабышчаак жигитти кыртышы сүйбөй үнсүз кадамын ылдамдатты. - Мынчалык серьезныйсыз, балким биздин жолугушуубуз кокусунан эместир. Сиздин жамалыңыз көргөн жанды жомоктогудай эстен тандыраары бышык, периштедей болуп шаарга кош келипсиз? - деп алдын тосту. Насият токтой калып, Айтбекти көзүндө огу болсо торойто атчудай акшыя карап:
- Ургаачы көргөнсүзбү? - деди катуу.
- Коюңузчу эми, чоң кыз, жок дегенде атыңызды айтып коюңузчу? - деп тиги дагы ансайын жылдырбай туруп алды.
- Ошол эле керекпи?
- Ооба, дүйнөдө ушундай бир сулуу кыз болсо атын билбей үйгө барып кантип уктайм? - Жарашыктуу жылмайып канча какса да көңүлү калбаган жигитти ойлуу карап:
- Атым Насият, - деди.
- Атыңыз да өзүңүзгө окшоп адеми экен, ким койгон?
- Апам.
- Кандай гана жакшы адам ээ, апаңыз акылман аял болсо керек?
- Жолду бошотуңуз эми, сөздү көбөйтпөй.
- Кай жерден келдиңиз?
- Жер үстүнөн.
- Айтсаңыз, сиздей периштенин туулган жери кандай жер экенин билгим келет. - Буйтап басып кетейин десе болбой эле жолун тороп жатты.
- Деги маньяк эмессизби? - Кабак-кашын тырыштыра ачуулуу үн катты.
- Жок-жок, кудай сактасын, сизди көргөнү эмнени сүйлөп жатканымды да билбей акылымдан адашкансып турам, бирге сейилдесек кантет?
- Убактым жок.
- Насият, суранам сенден, макул дечи, бир азга…
- Түшүнөсүзбү?
- Түшүнүп турам, суранычымды какпачы? - жалдырай карады. - Суранам, Насият…
- Кызык экенсиз, чириген байдын же бир депутаттын баласы эмессизби? - Кыз анын көздөрүнө тике карады.
- Жок, андай эмес, - Айтбек ойлоно калды. - А эмне депутат менен чиновниктерди жактырбайсызбы?
- Ооба, жакпайт, элдин эсебинен байып, балдарын кудайдын баласындай тайтаңдатканы кимге жаксын?
- Мен жөнөкөй эле жай адамдын баласымын, өзүмчө ишканам бар, кудайга шүгүр, бир гана мени кармап, койо бербей турган адам жок, бойдокмун, Насият.
- Бойдок болсоңуз эле кыздарды бура бастырбай кыйнай бересизби?
- Кыйнабай калайын, сизге көңүлүм түштү.
- Кызык экен, болдубу эми, катар басып баратабыз, мен барчу жерге кечигип жатам.
- Дагы бир аз, - деп Айтбек жол боюндагы камоктон балмуздак сатып алды. - Келиңиз, бул сизге.
- Мен…
- Алып коюңуз эми.
- Рахмат! - деп Насият саал жылмая бал муздакты алды да, үнсүз басты.
- Насият, канча бир туугансың, баары сендей сулуубу?
- Жалгызмын.
- Кечирип кой, өзүңө окшош балдыздуу, кайнилүү болсом деп кыялданып кеттим эле…
- Издесеңиз табылаар…
- Эми издебейм, ушуга чейин издеп чарчап, бойдок өтмөк болгондо издегенимди тапканга окшодум.
- Кандай?
- Издегеним сиздей сулуу кыз эле.
- Ошондой деп ойлойсузбу, өзүңүзгө жакса эле болдубу? - Насият эми көңүлдүү жылмайып, суроо узатты. - Сизге жакты, а сиз жактыңызбы…
- Жагам деп ойлойм. - Айтбек күлүп койду.
- Кызык экен, эркектерге өзүнө жакса эле болду экен да?
- Андай эмес, жанымда жарым мүнөт болгонуңузга караңгы түндө айды кармап жүргөндөй болуп турам, бир аз отуралы ээ?
- Сизге түшүнүктүү кылып эле айттым го, кечигип жатам.
- Бир аз, жигитиңиз жокпу?
- Азырынча жигиттин кереги эмне?
- Сиздей жамалы жайнаган кыздын жигити барбы деп коркуп жатам.
- Кошуңуз, - деди ошондо Насият. "Апамдын айтканы башталды", - деп ойлоно аялдаманы көздөй бет алды. - Тамашанын деле орду менен болгону жакшы эмеспи, жакшы калыңыз.
- Насият.
- Ээрчибеңиз.
- Бирге баралы, узатып койойун, - Жигит жете келип, катар басты. - Ашыкча кетсем кечир, Насият, жолугушуп туралы.
- Көрөбүз.
- Ушунуң да жетет, кайсы маршруткага түшөсүң?
- Эки жүз сексен бирге.
- Аа-а, чогуу түшөт экенбиз, өзүңдүн үйүңдөсүңбү?
- Жок.
- Батирдеби?
- Ооба.
- Жакшы, - дегиче аялдамага келип, дароо эле маршруткага түшүштү да, жөнөп кетишти. Айтбек Насияттын жашаган жерин көрүп алыш үчүн эле бара жаткан. Кыз унаадан түшкөндө бирге түшүп: - Макул, Насият көрүшкөнчө, - деп бөлүнө берди, анан акмалап туруп, жашаган үйүн көргөн соң кайра артка кетти. Айтбек чынында депутаттын баласы эле, машинасын СТОго жеткирип коюп, үйүнө баратканда Насиятты көрүп токтой калган. Анын депутаттар жөнүндөгү оюн уккандан кийин кандай үй-бүлөдөн экенин жашырмак болду. Үйүнө келээри менен эле апасына:
- Апа, мен үйлөнбөсөм болбойт, - деди.
- Охо-о, менин уулум үйлөнөм дейби? - деп кымбат баалуу халатын шуудурата ордунан туруп келген Айымбү уулунун башынан жыттай эркелетип койду. - Бизге келин болчу кыз кайдан, уулум?
- Кайдан экенин билбейм, бирок сизге жагат, апа.
- Апей, кайдан, кимдин кызы экенин билбей кантип үйлөнөсүң, тектүү жерби, тексизби, бизге ылайык келеби?
-Оой апам а-ай, тегин эмне кыласыз, атам сиздин тегиңизге карабай эле алган экен го?
- Эмне, менин ата-тегим жаман бекен, карасаң муну? - Айымбү бултуя карады. - Апаңа кантип ушул сөздү айтып жатасың?
- Койсоңузчу, таятамдарды сиз оңдоп келе жатпайсызбы, болбосо жепирейген эле тамда жашачу, эмдигиче таятам ичип жүрөт.
- Эй, бала, экинчи ушинтет экенсиң, аял эмес, албарсты да албайсың, атаң келсе көрөм сени.
- Атам мени колдойт, - деп Айтбек үстүңкү кабатты көздөй чыгып кетти.
- Карасаң муну, мени мисал кылганын, эркелетпе десе болбой ээн коюп, ата-эне менен кандай сүйлөшүштү да билбейт, сени шашпа, ошол кызыңа өзүңдү кошуп үйдөн чыгарып салбасам элеби? - деп жинденип жатты. Айымбүнүн күйөөсү Чалкарбек депутат болуп калгандан бери үйүнө сейрек келчү, келгенде деле Айымбү менен мамилеси салкын. Жайы-кышы курортко, көлгө жөнөтүп коюп, өзү кыз-келиндер менен көңүл ачып, эч кимди көзүнө илбей мансабына манчыркап турган чагы. Өзү жаш аялы менен жашайт. Айымбү билип калып чуу салып көрдү, бирок Чалкарбек жеңип кетти. Бийке деген жаш токолун деле үйгө калтырып коюп, сауналарга башка кыз-келиндер менен барганын койбоду. Чалкарбек өзүнөн интервью алганы барган журналист кыз менен сүйлөшүп отуруп, аны менен келип сыртта күтүп калган кызды байкаганда:
- Кечиресиз, чоң кыз, тигил кыз силерде иштейби? - деп сурады.
- Ооба.
- Аты ким?
- Насият.
- Кайдан болот экен?
- Ак-Суудан.
- Жакшы-ы, - деп койду депутат. - Макул анда, мен айтканды толук бурбай көрсөткүн, депутаттардын ичинен так иштегени, тапшырманы берип, эл үчүн кызмат кылганы менмин.
- Жарайт, агай, ишиңизге ийгилик, - деди да, журналистка ордунан туруп, курбусу экөө ээрчише чыгып кетишти. Аларды терезеден карап турган Чалкарбек:
- Адашып келген аккуудай болгон бул кушту колго түшүрөйүн, Бийкенин убактысы бүттү, аны койо бериш кере-ек, - деп койду алаканын ушалай.
Насият жумушуна так иштегендиктен, айлык акысы көбөйүп, анча-мынча кабар жазып көнүгө баштады. Чалкарбек гезиттин директору менен тааныш болчу, убакытты текке кетирбей ага телефон чалды. Сүйлөшүп жатып:
- Кандай болбосун мага ал кызды жеткир, - деди.
- Сиз айткандай болот.
- Азамат, сага ишенем, куру калбайсың, сөзсүз ыраазы кылам, - деп карсылдай күлүп калды.
- Сиздин бир сөзүңүз да, аксакал, саал чалпоо тайдай элирген кызды ооздуктоо кыйынга тураар бекен?
- Андан коркпо, мага жеткир, калганы өзүбүздүн колдо.
- Болду, бүттү, эртең сиздин кабинетке жөнөтөм.
- Күтөм, болуптур анда, - деп Чалкарбек трубканы коюп, креслого чалкалай көзүн жумду. - Да-а, күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин деген туура, буйруса чүрөктү колго түшүрүп алсам анан… - деп кыялында жаш кыз кучагында туйлап тургандай элестетти.
Айткандай эртеси саат ондордо жардамчысы башбакты:
- Кабарчы кыз келиптир.
- Кирсин.
- Жарайт, - деп эшикти ачып, - Кириңиз, - деди да, Насият кирээри менен каалагын жаап койду.
- Саламатсызбы? - Кыз иймене босогого туруп калды. - Сизге жиберди эле…
- Кел-кел, отура гой. - Насият отуруп калды, Чалкарбек аны бир азга карап туруп: - Билимиң кандай? - деди.
- Үч айлык курсту бүткөм.
- Эчтеке эмес, окугуң келеби?
- Кайда?
- Ну-у, каалаган окуу жайга.
- Билбейм.
- Как-раз азыр окууга кабыл алуу жүрүп жатат, эртең документтериңди даярдап кел, мен чалып койом.
- Агай, эмнеге эртең, мен иштеп жатам, жумушум жакшы, өзүм деле сырттан окуйм деген оюм бар, бирок азыр эмес.
- Сырттан болсо сырттан, кечикпей окушуң керек.
- Башка сөзүңүз жокпу?
- Ким… атың ким эле?
- Насият, - деп жумшак жооп берди, анткени редакторун сыйлады, болбосо курсагы салаңдаган бул депутатты кагып салып, эчак баса бермек.
- Аа-а, Насият, силер жаштыктын кадырын азыр билбейсиңер, эгер сенин ордуңда башка бирөө болгондо жан деп сүйүнмөк.
- Мен бирөөгө жагынгым келбейт!
- Койдум, койдум, Насият, эмесе эртең редакторуңдан билесиң, даяр диплом бердирип жиберем, сен дал ушул жерде иштейсиң, эми бара бер, - деди Чалкарбек Исмаилович Насияттын оңой менен колго түшпөсүн сезип жумшак гана. - Мага сенин жаш кадр экениңди, жумушуңа так экениңди айтышкандыктан, жардам берейин дегемин.
- Рахмат сизге, жакшы калыңыз, - деп Насият чыгып кетти.
- Эликтей болгон курган кыз, көздөрүң жүрөктү өрттөйт го, акыры көнөөрсүң, туйлап гана кучагыма кирээрсиң, шашпа-а, кандай болгонун өзүң билбей калаарсың, - деп өзүнчө кытмыр жылмайып алды, аңгыча кезектеги адам башбакты…
Айтбек ошол күнү Чалкарбекти күтүп жатып көзү илинип кетти. Анан түн ортосунда ойгонуп, атасынын дагы эле келбегенин билгенде: "Дагы токолуна кеткен экен, Насияттын айтканында чындык бар, булар ушинтип чардап жатып абройлуу боло беришет", - деп жинденип жатып таңга маал гана уктап калды. Чалкарбек Бийкенин жанында. Адаттагыдай эле колун ойношунун мойнуна орогон келин:
- Кечээ эмнеге келбедиңиз, түндүн өтмөгү тозок болду, ушинтип канчага чыдайм? - деди моймолжуй.
- Өзүң билесиң да, эжеңе барып турбасам болбойт, бала-чака дегендей, андан көрө сенин боюңа эмнеге болбой жатат? - Чалкарбек анын ичке ап-аппак билектерин мойнунан алып, - Катуу чарчадым, жумуш абдан көп, бирдемең барбы, серп этип алып, эс алалы, - деп ашканага кирди.
- Бар, эмне ичебиз?
- Барын алып кел, - деди Чалкарбек көңүлсүз. Анын мындай кебетесин байкаган Бийке тамагын ысытып, коньяк апкелип койду.
- Байкашымча, сиз менден тажап баратасыз го дейм?
- Балким, кээде адам баарынан тажайт, кайра эңсейт, сагынат, Бийке, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн дедим эле, - Чалкарбек отургучка чалкалай аны көз кыйыгы менен карады.
- Эмнени?
- Сени эркин койо берсемби дейм, анткени жашсың, мен картайып баратам, бөөдө багыңды байлап койдум окшойт? - деген Чалкарбек келинди сынай карегине тигилди. - Өкүнүп жүргөн болсоң керек?
- Өкүнгөндө-өкүнбөгөндө баары бир эмеспи, жаштыгым шамалга учкан камгактай болду, эми мен кимге керекмин? - деп Бийке көзүнөн жашы кылгыра карады. - Менде кайсы эрк, кет десеңиз кетпеске арга барбы? - Ак тамагын кылк эттире жашын жутуп алды. - Тагдырыма гана нааразымын…
- Бийке жан, мен сени капа кылайын деген ойдон алысмын, кечирип кой, ушул үй сеники, жашай бер, баары сеники, - деп Чалкарбек туруп келип, келинди кучактап мойнунан жыттады. - Аялым чатак чыгарып жатат, балдар да чоңойду, сен мага түшүн, - деп колтуктай спальныйга алып барды. - Сенден али кумарым таркай элек, чиркин, келчи эми чаалыкканымды жазчы, секет. - Бийкени жаткырып алып, чечиндире баштады.
- Эрк өзүңүздө, кыз байкуштар байкабай чалынып алган тордон аргасыз куштай жүндөрү уйпаланып учуп чыкса канаты кайрылып кандай уча алат? Кайрадан ыргытылган дөңгөчтөй болуп көчөдө калгандан көрө өлгөнүм артык чыгаар?
- Антпе, секет, али жашсың, сулуусуң, сендей келиндерди ким гана карабайт. Андан көрө бүгүнкү түнүңдү мага арна, кабагыңды ач, көңүлдүү кумарга баталы да, бирдеме ичели, - деп күшүлдөй өзү чечинди, келиндин аппак денесин жанталаша өпкүлөп жатты. - Бах, чиркин, ушунчалык да ширин болосуңбу?
- Шириндигим супсакка айланды, сулуулугум баткак болуп ылайланды, курулай сүйлөп көңүлүмдү оорутпаңыз эми, сиз мени суудан чыгып калган устукандай жээкке таштабадыңызбы? - Келин анын бышылдаганын жактырбагандай колдорун Чалкарбектин мойнуна аргасыз артып, бош кучактай көзүн жумуп алды. Ал чынында андан кутулганына кубанып жаткан. Кийинки кезде Чалкарбек келип-келбей калганда Достук деген жигит менен таанышып, кез-кез жолуга коюп жүргөн. Үй-жайдын баарын таштайм дегенде ичинен жым деген менен сыртынан ыйламсырап атты. - Сиз бул үйдү таштаган менен балдарыңыз бир күнү талашат го?
- Андан кам санаба, документтештирип берем, менин сага калтырган марттыгым, жигиттигим ушул болсун. Өзүң билесиң, Бийке жан, азыр баары менин колумда…
- Билем, - деп суз жооп берди.
- Баягыңдай берилип, жанымды жыргатчы, садагам, - деп жагымсыз аракетин улантты Чалкарбек. Көптөн кийин гана экөө туруп, жуунуп келип, коньяктан ичип, тооктун этинен жеп отурушту.
- Сиз аялыңыз үчүн эмес, башка дагы бир кызды жактырып калган үчүн ушинтип аткан жоксузбу? - деди Бийке жылмая. - Дүйнө жүзүн бийлегенге бир адамга эрк бербей чачыратып жибергенине тобоо, эгер бүт дүйнөнү бир адам башкара турган болсо, ал кол алдындагы кыздарга күйөөгө тийгенге уруксат бермек эмес…
- Койчу эми, Бийке жан, чындыгы сага деле убал экен ойлоп көрсөм, күндүр-түндүр кол бошобойт, анан үй-бүлө деп сага да келгенге убакыт болбой калат экен, - деген Чалкарбек балчаңдата тоок этин чайнап, келинден көзүн ала качты.
- Качан бүтүрүп бересиз анан? - деди Бийке эркелей. - Сизге таптакыр көнүп алыпмын, жок дегенде сиздин артыңыз менен абийирим үчүн батирге турбай үйлүү болуп калайын. Ата-энем болсо мени иштеп жүрөт деп ойлойт, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын…
- Болду-болду, бир жумада бүтүрөм, кам санаба.
- Сизге ишенем.
- Секет, мен сага арзып, түбөлүк сени менен калам деген ойдо элем, бирок тагдырдын шамалы экөөбүздү чогуу койбоду. Кыскасы, мен сени талаада калтырбайм, кааласаң базарлардын биринен орун алып, крупный бизнес баштап берем, - деп дагы сынай карады.
- Билбейм, азыр акылымды тыңдай албай турам, сизден айрылуу мага жеңил эмес экенин түшүнөсүз да, андан көрө үйлүү болуп алганым эле жетишээр, милдет кылганым болбос, - деди Бийке да ага сыр билгизбей.
- Жарыгым десе, сенин ушинтээриңди билгем.
- Ушул сөзүңүз күндө айтылчу эле, эми жарыгым деген сөздү кимден угам? - Улутунуп кайгырган түр көрсөттү. - Депутаттын калдыгы дешпесе болду.
- Ким билмек эле, экөөбүз балалуу болгондо гана никеге турмак болгонбуз, өкүнүчтүү балалуу болбодук, - деди Чалкарбек чыныгы өкүнгөн адамдай. Экөө тең бири-бирин туюк гана алдап жатканын өздөрү гана сезбесе бири-биринен сактанып турушту.
- Сиздин чөйрө бүт билет эмеспи, адам бири-биринен угат, сөз болот, бирок сиз менен өткөргөн ар бир күнүм майрам болду. Түшүмдөн ойгонуп, мунун баары көргөн түшүм экенин билгенде гана өкүнгөн учурум…
- Акылдуусуң, Бийке, сени менен бирге болуунун өзү эле мен үчүн канчалык рахат эле, аялым тынчтык бербей жатканы болбосо жаныңдан карыш жылмак эмесмин, - деди ойлуу. Ушул кезде Чалкарбек чындап эле сулуулукка азгырылганы болбосо Бийкени жакшы көрөөрүн сезди, өзүнүн ордуна башка бирөөнүн келишин каалабады, бирок сыр билгизбей: - Жаталы, секет, эртең көп иштерим бар, - деп курсагын сылай ордунан турду. - Сенин койнуң бейиштин төрү го, алтыным, бүгүн сенин койнуңда бир жакшы уктайынчы.
- Жүрөктү муздатып коюп койнумда үшүп жатканыңыз кызыкпы?
- Үшүтпө, жаным, мен үчүн көңүлүңдү жайдын салкын төрүндөй, жайкалган гүлүндөй ачып, койнуңду чалкар көлдүн жээгиндей жайып салчы, жаркыным, - деп, кучакташып өбүшө ичкери киришти. - Дагы ойлонолучу, врачтарга көрүн ээ, менин колум такыр бошобой жатпайбы?
- Аракет кылайын, балалуу болуу бакыты пешенемде болсо аны да көрөөрмүн, сизди кармап калуунун жолу кандай болсо ошол жолду басмакмын, - деди. "Дагы ойлонуп көрөөрбүз", - деген сөзү келинди ирээнжитип жиберди. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, сенден боюма болсо да төрөмөк эмесмин", - деп ойлонуп ийди. - Балдарыңыз бар го, эмнеге мынчалык бала жөнүндө мага айта бересиз? - деди калп эле күлүмсүрөй.
- Сени жакшы көрөм, садага, колумдан чыгаргым келбейт.
- Чын элеби?
- Чыным.
- Ишенбей калдым, жанараак ажырашууну кеп кылдыңыз эле, кайра мындай дегениңиз, ойноок баланын сөзүндөй угулуп турат, - деп кыткылыктап күлүп калды, бул күлкүдө ыза, өкүнүч, арман турган эле. Бирок Бийке анын кетишин каалады, себеби ал оттон-суудан кайра тартпас сүйүүгө кабылган. Достуктун өзүн чындап сүйөөр-сүйбөсүнө көзү жетпесе да, өз жүрөгүнүн эркине багынып: "Сүйбөгөн адам менен карк алтынга чулганып, өлүү дүйнөнүн ичинде жүрөк толо ыза менен отургуча аз да болсо көңүлүм каалап, жан дүйнөм жактырган адам менен болгонум артык", - деп ойлонуп жатты. Чалкарбектин көз алдынан булуттан чыккан айга окшоп кирпик-кашы төгүлгөн, жүзү аппак кагаздай, мүчө бою атайылап сомдоп жасагандай керилген, сулуулугу да, жаштыгы да толуп-ташкан, кумар көз Насият кетпей турду.
- Ишене бер, сени жаным менен сүйөм, үй-бүлөм каршылык кылбаганда жаныңдан карыш чыкпас элем, - деди келиндин үстүнө оонай чыгып. - Сенин кылыгың, ысык кучагың, кумарлуу онтогонуң мени бейиш багында жүргөндөй абалга алпарат. Колуман келсе сени койо бербей түбөлүк өзүмдүк кылып алмакмын, өкүнүчтүү мезгил өзү бизди кандай кылат күтүшүбүз керек.
- А менин жаштыгымчы, айыпсыз өткөн өмүрүмчү, сиз ойлонуп чечкенче чачтарыма мезгил өз чыйырын салып, өкүнүчтөн, ызадан картайып, эч кимге керегим жок болуп калсамчы?
- Андай болбойт.
- Ким билет, сөзүңүз бүдөмүк, арсар, негедир алдымда караңгылык каптаган азаптуу, армандуу күндөр тургансыйт…
- Кабатырлана бербе, баарын өз жайына койобуз.
- Үй-бүлөңүз баарынан кабардар эмеспи, баарына моюн сунуп, макулдугун берди дегенсиз, туурабы? - Бийке Чалкарбекти үстүнөн түртүп түшүрүп, кырдана анын жүзүнө тигилди. - Же андай эмеспи?
- Ошондой.
- Анда неге мындай деп атасыз?
- Күндө сен жөнүндө сөз боло берип тажап кеттим, - деп депутат ыңгырына келинге көз кырын салды. - Сени жанталашып коргоп эле келе жатам.
- Рахмат, бирок бул өзүңүз тапкан оору экени талашсыз эмеспи…
- Ал туура, сүйүүгө мыйзам каралган эмес, бул жүрөк иши, адам өз эрки, өз макулдугу менен жашаш керек.
- Мени кечириңиз, мен бейбакта эрк болсо кана, сиздин менин айымдан азап чеккениңиз үчүн өзүмдү айыптуу сезип, аргасыз кетүүмө туура келет окшойт?
- Аны мен чечем, мен айткандай боло бер, кана эмесе эс алалы, - деп Чалкарбек ары оодарылып жатып алды. Бийке аста улутуна үнсүз гана мелтиреп, шыпты тиктеп жата берди. Ооба, анын жүрөгү өрт болуп күйүп, жан дүйнөсү астын-үстүн боло аргасыздан көзүнүн жашы куюлду. "Тагдырымды талкаладың, же үй-бүлө күтүп эл катары жашай албай, же өз алдымча чечим чыгаралбай санаадан, сары убайымдан чөгүп жок болоорума аз калды", - деген ой мээсине кадала жанында камандай коркурап коңурук тартып уктап жаткан адам кейпиндеги дөңгөчтү ушу сапар бычактап салгысы, анан башы оогон жакка басып кеткиси келип турду. Бирок антүүгө кудурети жетмек эмес. Ийининен оор дем алып алды да, көзүн жумду. Эртең менен ойгонуп, жанында Чалкарбек жок экенин көрүп, кериле ордунан тура ваннага кирип чыкты. Күзгүгө каранып чачын кургатып жатканда эшик тык-тык этти. Чыга калып, бет маңдайында турган Достукту көргөндө:
- Оо-ой, кел, кир ичкери, - деп колунан алып, үйгө тартты. - Бирөөлөр көрүп калса эмне болот, мындай учурда неге келдиң?
- Сени сагынып кеттим, тиги чочкоң кетти… - Достук келинди шап кучактап калды. - Качанкыга сени сыртыңдан аңдып жүрүп жашайм, бир жаңсыл болсоңчу?
- Болбойт, Достук, ал мени кетиргиси, өз энчисинен жоготкусу жок, бийликти мыкчыгандай эле менин эркиндигимди да өзүнө бекитип алгысы бар. - Экөө кучакташа ичкери киришти, столдо жайнаган тамак-аш, импорт шараптар турган. Аларды кыдырата караган Достук:
- Сен мындай жашоодон өзүң кеткиң келбей жүргөндүр? - деди ойлуу. - Мен сага өз тагдырымды байлайын деп чечтим, кел, экөөбүз качып кетели.
- Кайда, качып кайда барабыз?
- Көз көргүс, кулак уккус жакка.
- Болбойт, анын укуругу узун, экөөбүздү бат эле таап алат, тапса оңдурбайт. Сенден корком, Достук, мен го эрте эле бүткөн жанмын, ал үчүн жансыз куурчакмын. Ал дүнүйө-мүлк, акча-алтын болсо мындан артык жашоо болбойт деп ойлойт. Менин ички дүйнөм, сыздаган жүрөгүм менен иши да болбойт…
- Жалаң байлык оорусуна кабылган ошол чочкоң бекен, бийликти талашкандардын баары ошол жугуштуу оорунун кулу, алар акчага баарын сатып алса болот деп түшүнүшөт, ал эми бакыт менен сүйүүнүн сатылбасын билбейт…
- Ооб-аа, дал ошондой чөйрөгө капысынан кабылдым, үч жылдан бери сыртымдан кулпулап жүрүп, эми ишенип калдыбы же кетсе кетсин дейби ээн-эркин коюп жүрөт, - деп Достуктун көкүрөгүнө башын жөлөп, - Достук, - деди.
- Угуп жатам.
- Сен чындап эле мени сүйөсүңбү?
- Ишенбей турасыңбы?
- Ооба, кийинки кездери бүт адамдарга ишенбей калдым, алтургай өзүмө да ишенимим жок!
- Койсоңчу, Бийке, менин Бийкем, сени мен өзүмдөн да артык көрөм, дүйнөдө болуп көрбөгөндөй сүйүүгө кабылдым, Бийке.
- Ишендим. - Бийке жигитти башын көтөрө карады.
- Жаным, жанагы депутаттын терисин жамынган чочко кейиптүү немеден сени кантип ажыратып алаарымды билбей башым катты, айтчы, кандай кылабыз?
- Эгер сен мени чындап сүйсөң мен баарына даярмын.
- Анда чечтик, баарын ташта, сени андан да жакшыраак багып алууга кудуретим жетет, жүрү кеттик, убакытты уттуруунун кажети канча, жаным? - Достук келиндин көздөрүнө тигилди. - Кана кеттикпи?
- Кеттик!
- Биз бактылуу болобуз, эч нерседен жүрөксүбө. - Колдон ала жетелеп сыртты көздөй жөнөдү.
- Мен… - Бийке кылчаңдай артка кетээнчиктеди. - Кийимдеримди алып алайын.
- Калтыр баарын, ошол арам акчадан табылган нерселерди ушул жерге таштачы, Бийке, биз жаңы кадам менен жаңыча жашоого бет алалы! - деп жетелегенде:
- Паспортумду алып алайын, - деп болбой ичкериге кирип кетип, Чалкарбек алып берген алтын жасалгаларды сумкасына салып, аны менен кошо акчасын алды да, Достукту жадырай карады. - Жүрү кеттик, мен даярмын!
- Кеттик эмесе, - деп сырткы эшикти ача бергенде алардын каршысынан Айтбек чыга калды, ал мурда дагы эки-үч жолу келген, Бийке аны жакшы таанычу.
- Ох-хо, бул көрүнүш кинодогудай болду го? - деп экөөнө кытмыр жылмая карады. - Атам көрөөр көзү минтип жүргөнүн билсе кантээр экен?
- Кач, жолду тоспо! - деди Бийке ага.
- Эмне-е, сенин жолуңду тоскон ким, андан көрө өзүң сөзгө жооп берчи, депутаттын токолу болуп алып, дүнүйө жыйып, анан каалагандай басып кетем деп ойлойсуңбу?
- Мен эмес, баарына өзү күнөөлүү.
- Ошондо неге баш тартпадың, аялы, бала-бакырасы бар экенин билип туруп, билмексен болгонсуң, сага бекер дүнүйө, акча керек болгон, эми баарын жыйып алып кете бергиң барбы?
- Сен өз жолуң менен бол, жигит, аял менен айтышканды ким коюптур сага? - Достук сөзгө аралашты. Айтбек жини келе муштум түйүп, экөө маңдайлаша калды:
- А сен өзүң кимсиң же экөөңөр бирге сүйлөшүп алып, атамды мазактайлы деп чечкендирсиңер. Азыр мен силерге кеткенди көрсөтөм, жылаңач чыгарам! - Айтбек жулунуп ичкери кирди да, телефонду бурады. - Алло, бул менмин, ата, сүйүктүүңүздү өз сүйүктүүсү менен кармап алдым, кете берсинби? Аа-а, макул анда, ушу жердемин... Менби? Мен сизге бир иш менен келгем. Болуптур, сизди дайыма угуп келгем, азыр да угам, - деп трубканы коюп, тигил экөөнү жылмая карады. - Азыр келет, балким силерге ак батасын берип, узатып койор…
- Достук, сен кетип калчы, кудай жалгагыр, суранам сенден, мен үчүн сенин жабыр тартканыңды көргүм келбейт, - деп Бийке ыйлап жалбарып ийди.
- Аялдар, зайыппааналар ошентиши мүмкүн, мен андай кыла албайм, кандай болсо да чогуу көрөбүз.
- Жок-жок, сен кетип кал, болбосо мен азыр өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп Бийке ашканага атырыла кирип, бычакты ала коюп, өзүнө ураарда Достук кармап калды:
- Бул эмне кылганың, мен сен үчүн баарына чыдайм, керек болсо өлүмгө да даярмын!
- Пай-пай, сиз урматтуу Бийке айым, оңой эле кутулууну каалап турасызбы, папочка келет, өз жазаңызды берет, ал оңой өлүп калуу эмес, тозоктун тозогу дегенге жатат, - деп Айтбек алардын жанына келди. - Сиз атамды оюнчук көрбөңүз.
- Сен кийлигишпе, өз ишиңди кыл! - Бийке ага ачуулуу карады. - Атаң мени оюнчук катары пайдаланып жүргөнүн билбейт дейсиңби?
- Ага өзүңөр күнөөлүүсүңөр, байлыгына кызыгып жабышып алган, же эмне, башка бирөө күнөөлүүбү?
- Мен сенин атаңа жабышкан эмесин.
- Сени менен айтышууга келген эмес элем, бирок сөздү баштап койдуң, айтпаса болчудай эмес, - деп дагы сүйлөмөк болуп калганда эшиктен тапырап эки-үч киши кирди, алардын артынан кирген Чалкарбек жанындагыларга:
- Ууруну алып кеткиле! - деди түрү бузула, анан Бийкени карап, - А сага рахмат, үйгө кирген ууруну убагында көрүп калганыңа.
- Ал… ал ууру эмес! - Бийке үнү калтырай жооп кылды. - Ууру эмес дейм!
- Түшүнүп турам, коркуп калыпсың, ууру өз жазасын алат, өмүр бою түрмөдө жашап өтө турган болот, а сен үй түрмөдө! - деп босогого жеткенде кылчая калып: - Мен сага өзүм өлөөрүмө аз калганда гана жооп берем, ошондо гана сен өз жазаңды өтөп бүтөсүң! - деп, эшикти сыртынан кулпулап кетип калды. Достукту алпарып камап салышты. Жолдо келе жатып Айтбек:
- Ата, мен сиз менен кеңешкени келдим эле, кокусунан кабылып калдым, - деди.
- Азамат, учурунда көзүмдү ачтың, ко-ош, кандай сөзүң бар?
- Мен үйлөнөм.
- Качан?
- Сиз уруксат берсеңиз.
- Уруксат бербегендечи, эмнеге каршы болмок элем, сөзсүз үйлөнүшүң керек, кимдин кызы, кайда турат? - Чалкарбек булгаары капталган орундукта чалкалай уулун карады.
- Кайдан экенин сурабадым, бирок ал кыз сизге сөзсүз жагат, ата, абдан сулуу кыз.
- Сулуусунда кеп жок, акылы менен ата-теги керек, биздин чөйрөгө ылайык келеби?
- Келет.
- Кантип билдиң?
- Көрсөңүз сиз да билип коймоксуз.
- Качантан бери сүйлөшүп жүрөсүң?
- Эки-үч эле көрдүм.
- Анан алам деп жатасыңбы?
- Ооба.
- Ал кыз сени жактырабы?
- Билбейм.
- Болуптур, эртең кечки тамакка үйгө чакыр, таанышып, байкап көрөлү.
- Макул, ата, сизге рахмат! - деген Айтбек шопурга кайрылды. - Мен түшүп калайын, токтотуңузчу.
- Аты ким экен?
- Аты… - дегиче шопур:
- Аксакал, машина болбой баратат, СТОго барыш керек эле, - деп калды.
- Түштөн кийин барасың, Айтбек, сенин машинаң эмне болду?
- Краскалатып жатам.
- Макул анда, унутпа эртеңкини.
- Унутпайм, - деп Айтбек түшүп калды да, Насияттын жумуштан чыкчу учурун күтүп, акмалап жүрдү. Ал күнү Насияттын көңүлү чөгүңкү болчу, түштөнүүгө чыгып келе жатканда Айтбек аны гүл менен тосуп алды. Суз гана гүлдү алган кыз: "Бул жигитти ушуну менен үчүнчү жолу көрүп жатам, гүлүн кармап тосуп алганына караганда чын пейили менен жакшы көрүп калгандай. Мен деле кайдыгер эмесмин, дурус жигит көрүнөт", - деп ойлоп кете берди.
- Иштер кандай? - деп койду анан, түз жолду карап баратып.
- Жакшы, өзүң кандайсың, Насият?
- Баары ойдогудай…
- Негедир санаалуудайсың?
- Ошондой көрүнүп жатса керек?
- Балким, - Экөө көпкө үнсүз басышты. - Насият, чай ичпейлиби?..
- Кайдан? - Кыз жигитке тике карады эле, Айтбек андан жалтана көзүн ала качты:
- Жакын эле жерде кафе бар, кааласаң кирели.
- Макул, өзүм дагы түштөнгөнү чыктым эле.
- Жүрү анда. - Айтбек жол боюндагы кафеге кайрылды. Сыртында чет элдик музыка жаңырып, отургучтарда сыра ичип, шишкебек жеген жаштар көңүлдүү отурушат. Ичи желдеткич тынымсыз иштеп турганга бир топ салкын экен. Экөө төргө барып отурушту.
- Сизге таң калам, - деп күлүп койду Насият.
- Эмнеге?
- Чоочун кызга мынчалык эмне жан тартасыз дейм да?
- Бир кезде чоочун болгон адамдар таанышкандан кийин кыйышпас жакын адамдардан болуп калышы мүмкүн да?
- Мүмкүн.
- Неге кабагың суз?
- Ушундаймын.
- Жо-ок, мен адеп көргөндөгү Насият эмессиң, анда жан дүйнөң таптаза, карегиңде кайгынын изи жок жайдары кыз элең, бат өзгөрүшүңө эмне себеп болду?
- Абдан байкагыч экенсиз?
- Менден башка бирөө болсо деле дароо сезмек.
- Ошондойбу? - Кыз саал жылмая жигитти карады. - Адамдардын баары бирдей болбогонуна өкүнүп да кетем. Жаман ойлуу адамдардын арасында дүйнөсү таза, кең пейил адамдардын бары кубантса, ошол эле пейили тар адамдар жан дүйнөсү таза адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзгөнү өкүндүрөт. - Аңгыча буйрук берилген тамактарды көтөрүп, официант кыз келип калды.
- Тамагыңыздар таттуу болсун.
- Рахмат, кел, Насият, тамакка кара. Сен экөөбүз баары бир дүйнө жүзүндөгү ак менен караны ылгап, жаман менен жакшыны бөлүп тазарта албайбыз. Канча кылымдар өтсө да, ошонун баары ак-карага бөлүнүп, алдуусу алсызын басынтып келе жатканын танууга болбойт.
- Туура айтасыз, - деген Насият ошол бойдон унчукпай калды. Айтбек аны көз айрыбай тиктеп отура берди, ага маңдайындагы чебер сүрөтчү атайылап тарткан ажайып кооз сүрөт кыймылга келип тургандай сезилди. Бир кезде Насият тамагын ичип бүтүп, башын өйдө көтөрө өзүн тиктеп турган Айтбекти көрүп бырс күлүп ийди, - Сизге эмне болду, тамагыңызды ичпейсизби?
- Жок.
- Эмнеге?
- Сени көрүп, жаныңда отурганыма ишене албай турам, өмүр бою ушул мүнөттөр көзүмдө калса дейм.
- Андай дебеңиз, менин убактым бүтүп калды, жумушка барышым керек.
- Насият…
- Айта бериңиз.
- Бир сөз айтсам макул болосузбу?
- Кандай сөз?
- Мен сени эртең кечки тамакка үйгө чакырайын дегемин, эгерде сен каршы болбосоң.
Кандай себеп?
- Себеби-и, - Айтбек кызды чочутуп албоо үчүн этияттана карады. - Себеби сени ата-энем менен тааныштыргым келет.
- Эмнеге?
- Өзүң билесиң, эсиңде болсо керек, үйлөн дегендерин айткам, балким сага ата-энем жагып калса-а…
- Жо-ок, Айтбек, мен андай кыздардан эмесмин, анткени азыр турмушка чыкпайм, анын үстүнө апамдын менден башка эч кимиси жок, аны таштап азырынча эч жакка кете албайм.
- Суранам, Насият, атама убада берип койгом.
- Эмнеге менден жоопсуз андай иш кыласыз, мен сиздин сүйлөшкөн кызыңыз болбосом, болбогон ишти жасаганыңыз өзү билемдигиңиз го? - Насият ордунан тура калды. - Тамак алып бергениңизге чоң рахмат, мен кеттим.
- Суранам, Насият, мейли сүйлөшкөн кызым болбо, бир жолу суранычымды аткарып кой. -Айтбек кафедеги элден тартынбастан Насиятты колдон ала токтотуп, тизелей калды. - Мени уят кылба, суранам сенден!
- Кызыксыз го, көргөндөр эмне дейт? - Насият эки бети албыра эки жагын карады:
- Азамат, сулуу кыздар үчүн менменсигендер чөгөлөгөн, хан менен бекти тизелеткен аялдардын жүрөгүнөн орун алыш үчүн жигиттин жигити далбас урат, - деп коңшу үстөлдө отурган бирөө кол чаап калды. - Канткен менен кыздын тазасын таапсың, өкүнбөйсүң кийин, - дегенде кафеде отургандардын баары көңүл бура кол чаап жиберишти.
- Азамат жигит экенсиң!
- Тилегиңе жет!
- Куштун боосун бекем карма! - дешип дуулдашып калганда Насият Айтбектин колун түртүп чыгып кетти. Айтбек анын артынан чыкты:
- Насият, токто, токточу эми, мени кечир, чынында сени сүйөм, эгер сүйүүмдү кабыл албасаң өзүмдү өлтүрүп тынам! - деди эле, ызалуу Насият артына бурулду:
- Өлө бер!
- Кош анда…
Кулубек Насиятты көргөндөн бери жаны жай албай тынчы кетип, ойлуу болуп кетти. Ансыз дагы аялы төшөк тартып жаткандан бери врачтарга көрсөтүп, багуучу жалдаганы ага оорчулук келтирип, баягыдай кыз-келиндерге барганы азайган. Ал акчадан эмес, Насияттын тагдырынан коркуп жатты. "Кимдир бирөөнүн көзүнө илинип, келечегинен аксап калбаса экен, мен сенин атаңмын десем жаа бою качаар, кандай кылышым керек, жумушунан кабар алып көрсөмбү?", - деп ал айткан гезитти карады. Андан редактордун телефон номурун таап, чалып күтүп калды:
- Алло, бул "Жалын" гезити бекен? Аа-а сиз Жолборсбек Тумановсузбу? Ооба-ооба, сиздерде Насият деген кыз иштеп жатабы? Жакшы-жакшы, мен ал кыздын агасы болот элем, мүмкүн болсо бул телефонго байланышсын, айтып койосузбу? Рахмат сизге! - деди да, трубканы коюп отуруп калды. Бир топтон кийин телефон шыңгыраганда шашыла алып: - Ало, угуп жатам, - деди эле Насияттын назик, коңгуроодой үнү угулду.
- Сиз мага чалсын деген экенсиз.
- Ооба-ооба, Насият, мүмкүнчүлүгүң болсо кечки алтыларда мага жолукчу, мен сенин издеп жүргөн адамыңды тааныйм.
- Кимди издеп жүргөнүмдү кайдан билесиз?
- Билем, - деп токтоло калды. Насият да ойлонгондой тынымга унчукпай калып, анан:
- Сизди кайдан табам? - деп сурады.
- Мен сен айткан жерден тосуп алам.
- Макул, Советская 140ка келсеңиз, жолдон күтөм.
- Сүйлөштүк анда, - деп турбканы койгондон кийин: "Мен ага жолукканда эмне деп айтам, кайдагы издегени оозума келип кетти, эмне десем экен же түз эле мен сенин атаңмын деп айтсамбы, анда артын карабай качса кантем?", - деп улам саатын карап, уйгу-туйгу боло берди. "Апасынын кебин каптагандай өзү экен тим эле, адегенде кызга өзүмдү таанытып алсам анан үй-бүлөмө түшүндүрүп, үйгө алып кетет элем. Менин артым менен адам болуп, өз багын таап алса жакшы го", - деген ойдо эртерээк кабинеттен чыкты. Насият дагы: "Мен атамды издеп таппасымды сезип жумушка кирип кеттим эле, издегенимди таап бере турган ким болду экен, балким жөндөн-жөн эле алдап жаткан болуп жүрбөсүн?", - деп кыжаалат боло жол боюнда күтүп турган. Жол четине машинасын токтоткон Кулубек аярлай жүрөгү лак-лак эте өзүн зорго кармап, кыздын жанына басып келип:
- Салам, кызым, - деди чочутуп албагандай аста күлүмсүрөй.
- Саламатсызбы?
- Саламат, кызым, жай отуруп сүйлөшсөк кантет, бир сөз менен бүтүп калчу иш эмес, - деди кадимки Азаданы көрүп тургандай энтигип турганын байкатпай. - Бир аз жүрөк оорум бар эле, кармагансып, өзүмдү жаман сезип турам.
- Андай болсо башка күнү сүйлөшсөк кантет?
- Жок, бүгүн сүйлөшүшүбүз керек, кел, машинага отур.
- Мм... ма-акул, - деген кыз Кулубектин акыбалынан чочулагандай аны менен катарлаш басып машинеге келди. Эшигин ачып, өзүн караган Кулубекти жалт карап алып: "Бул адамдын көз карашында жаман ой жок, балким атамдын өлүү-тирүүсүн айтаар, ырас эле ал дагы өлүп калган болсо апам айткандай жападан жалгыз калбасам экен", - деп, алдыңкы орундукка отурду. Кулубек чет жактагы ээн кафелердин бирине токтотуп, адегенде өзү түшүп, эшикти ачмак болду эле, Насият аны күтпөй жерге түшүп, артынан басты. Бул жерге ээн-жайкын көңүл ачкысы келгендер кечке маал толуп кетет. Айрыкча чоңдор келчү кафе болгондуктан, кымбат дагы, кооз дагы. Ошол кечте бул кафеге Чалкарбек да келип, бир сулуу менен отурган, ал Кулубекти таанычу. Анын Насиятты ээрчите киргенин көрүп: "Иттики десе, илип кеткен экен, шашпа-а мен эми сага жолобой турган кылам", - деп ичи тарып, эки көзү аларда болуп жатты.
- Кызым, тамактан ал, адегенде кардыбызды кампайтып алалы, - деп Кулубек жылмая карады. - Эч тартынба, кызым,
- Сиз өзүңүздү жакшы сезип калдыңызбы?
- Ооба, бир аз өзүмө келип калдым.
- Сөзүңүздү баштай бериңиз анда.
- Адегенде тамактаналы.
- Макул, - деп кыз алдындагы тамакты этияттык менен алып жеп кирди, алда нерседен улам ою алагдыланып турган, бирок сыр бербеди.
- Мен сени азыр таенеңе алып баргым келип турат, - деди Кулубек аны эмне дээр экен дегендей.
- Аны сиз кайдан билесиз?
- Мен баарын билем.
- Анда сиз…
- Ооба, мен…
- Сиз… сиз менин... - Насият Кулубекти көздөрүн алайта карап туруп калды.
- Уктуң беле?
- Апам айткан.
- Таенеңди апа дейсиң го?
- Ооба, апамды жакшы билбейм, сүрөтүнөн гана көрүп жүрөм, - деген Насият ыйлап отурду. - Ооба, мен сизди биринчи көргөндө эле жакын адамымдай көргөм, бирок сизден кетүүгө туура келген, анткени оңой эле атамды таап алам деген ойдон алыс элем…
- Ыйлаба, садага, бул апаңдын жаңылыштыгы, ал мага эч нерсе айткан эмес, менден качып кеткен. Мен ага өчөшүп артынан барганым жок, мени теңсинбеген неменин артынан жалынып баргым келбеди…
- Сүйлөшкөн жок белеңер?
- Жок, апаңды өзүм каалап үйлөнгөм, ал мени менен жашагысы келген жок, - Кулубек улутунуп алды. - Эгер сен апаңдын өзүнө куюп койгондой окшош болбогонуңда, өмүр бою сени көрбөй калмак экенмин.
- Апам да ошентип көп айтат, өзүнө окшошсуң, бирок кыял-жоругуң андай эмес дейт. - Насият күлүп койду. - Мен өлсөм жалгыз каласың, атаңды тап деген да ошол апам.
- Ыраспы?
- Ооба, шаарга келе жатканда аябай айткан болчу.
- Анда белек-бечкекти алалы да, барып келели, мен ал кишиден кечирим сурап, сага мындан ары өзүм көз салаарымды айтайын, ээ? - Кулубек ордунан тура калды.
- Макул, апамды өзүм дагы сагындым эле… - Экөө туруп жөнөгөндө Чалкарбек аларды тирмийе карап отурган.
- Эмнени карап жатасыз, жаныңызда ай чырайлуу айым отурса башка бирөөнүн селкисине көз артасыз, - деп жанындагы келин таарына кетти.
- Кечирип кой, чүрөгүм, жөн гана кызыгып карап жатам, таң калыштуу, селкисиби дейин десем ага окшобойт, серьезно сөзү бардай, - деп Чалкарбек аны колунан өөп койду. - Сенден башканы көз көрбөйт азыр. - Ичи ачышып, анча-мынча мамилеси бар теңтушунан кызды кызганып турду. Насият менен Кулубек келгенде түн жарымы болуп калган, Кайрынса катуу чоочуп ойгонду, анткени машина короосу жок үйдүн эшигине келип токтогон эле.
"Түн жарымында келген ким? Тынччылык эле болсо экен деги", - деп кары сыртка чыга калып үрпөңдөй үн салды: - Ай сен кимсиң?!
- Апа, биз эле, мен келдим, апа! - деп Насият кичинекей кыздардай жүгүрүп жетип, таенесин кучактап калды.
- Сербеңдеген садагам десе, эрте чыкпайт белең, кыз киши да ушунча кеч жол жүрөбү? - деп эне небересинин түндөп жүргөнүнө нааразы боло кейип киргенде:
- Саламатсызбы, апа? - деп Кулубек басып келди.
- Сен кимсиң, айланайын?
- Мен Кулубекмин.
- Эмне дейт? - Эне каңырыш угуп алгандай жүрөгү зырп эте небересин андан кызганып алды: "Демек тапкан экен да, аттиң дүйнө, кызымды таштап башкага үйлөнүп алганы үчүн жек көрсөм да неберемдин келечеги үчүн ага көз карандымын, жөлөнөөр жөлөгү, таянаар таянычы болуп, көңүлүм тынып калсын", - деп унчукпай калды. Ичкери кирип, жарыкты күйгүзүп, жаткан жерин түрүп, дасторкон жайды. Анан Кулубекти карап:
- Жакшы жүрөсүңбү, балам? - деди.
- Жакшы, апа, кечириңиз мени…
- Кечирген-кечирбегенде эмне, балам, Азадам куурап калганы качан, жылдар өттү, турпак суутуп өлбөгөн жандын кекиртегинен суу өтүп жашай берет тура… - Эне көз жашын сүртүп алды. - Эмне болгонун да билбейм, оозунан сөз чыкпады, же сен басып келбедиң.
- Мага бир ооз айтпады, апа, ооруканада жатканда барсам Азатты калтырып, мени чыгып кет деп койгондон кийин барбадым, аны мен Азат менен жашап жатса керек деп ойлогом.
- Курган кызым, өжөрлүгү өз башына жетти, эми кантейин, мен дагы карып-арып калдым, эртедир-кечтир башта бир өлүм бар эмеспи, Насиятты жетимсиретпей койнуңду кең ач, балам, жүрөгүң менен мээримиңди төк, - деп жер карап отуруп күңгүрөндү. Насият болсо чай коюп, алып келгендерин дасторконго коюп жатты. - Жетимдин кийимин кийгизбедим, жаман сөз угузбадым, Насият апасындай өжөр дагы, көк дагы эмес, элпек, ак көңүл, сактап ал.
- Рахмат, апа, билгенимде эмне, мурунтан эле келмекмин, же боюнда бар экенин айткан эмес эле да.
- Мейли, балам, баары өттү-кетти…
- Насияттан кам санабаңыз, эртеңден баштап менин үйүмдө болот ээ, кызым? - деди Кулубек Насиятты мээримдүү жылмая карап.
- Мен кала берейин, жумушка баргым келбей жүрдү эле, апам да жалгыз кыйналып кетиптир.
- Анда, апа, экөөңөрдү тең эле шаарга көчүрүп кетпейинби?
- Кой, балам, бу жерде чалымдын издери, кызымдын акыркы кездеги элестери бар, мени издеп таппай калышпайбы, ансыз дагы менден кийин бул үй аңгырап бош калат, коломтодон от чыкпай баары бүтөт, көзүмдүн тирүүсүндө ээн калтырбай калайын.
- Апа, анда мен деле шаарга барбай койойунчу, атамды таптым, эми өзү келип турат да, ыраспы, ата? - деди кыз күлмүңдөй. Анын көздөрү Кулубектин жүрөгүн болк эттирди, дал Азада менен сүйлөшүп жаткандай сезип кетти:
- Ооба-ооба…
- Кызым, сен окумак эмес белең?
- Сизди жалгыз калтыргым келбейт, апа.
- Мени кудай алмак беле, биерден дагы бирөө ала качып кетсе кантем? Жалгыз-алсыз кемпир болсом, жайсыз жерге барып калсаң көз жашыңды көрүп куурабайын, өзүң каалап барсаң дагы бир жөн, апаңдын тагдыры кайталанышын каалабайм, садага.
- Апам туура айтат, Насият. Сен окушуң керек, келечегиң али алдыда, апама шаардан үй-жайсыз жүргөн аялдардан таап алып келип беребиз, кыскасы, апам кызматчы менен жашайт, - деди Кулубек экөөнү карай. - Андайлар толтура, бир карыны карагандай өтө жаш эмес, орто жашаган үй-бүлө бар, өзүм алып келип дайындап кетем.
- Андай болсо апамдан көңүлүм тынч болот, - деп Насият Кайрынсаны күлө карады.
- Койсоңчу, балам, карыган кезде өзүм эле жашап турайын.
- Андай болбойт, - деп Кулубек дагы болбоду. Эртең менен кетээрде Кулубек бир топ акчаны Насияттын колуна берди да: - Сен бир-эки күн биерде бол, мен эртең эртерээк келем, макулбу, кызым? - деп чекесинен өөп, бооруна кыса жөнөп кетти.
- Апа, - деди ал кеткенден кийин Насият Кайрынсаны карай. - Атам жакшы эле адам экен ээ?
- Жакшы эле жигит көрүнгөн, мен деле күнөөлөбөйм аны, Азадам көк, өжөр болчу, айтканын берчү эмес… - Эне ойлуу тээ бир кездеги айткандарын эстеди. - Шордуум десең, өмүрү кыска экен, сенин тагдырың андай болбосо экен…
- Кудай сактасын, апа, кызыныкы апасыныкына окшоп калышы мүмкүнбү? - Насият апасын карады. - Ошондой да болмок беле?
- Жок, каралдым, өзүм эле корком, эшикке чыкпа, бирөө жарым сенин келгениңди көрсө…
- Кызыксың да, апа, көрсө эмне экен, ала качат экен деп үйдө камалып жатмак белем, атам берген акчага үйгө тамак-аш алып келем, апама куран окуйбуз?
- Кагылайын десе, бул эле Керимдин дүкөнүнөн өзүм алып келе койом, - деп эне ага моюн бербеди. Насият унчукпай калды. "Ырас эле мен тааныбаган бирөө алып кетип калсачы, кой апамдын кебин угуп, үйдө эле болоюнчу", - деген ойдо үй ичин жыйыштырып кирди. Кайрынса коңшусунун дүкөнүнө барса ал көрөөрү менен эле:
- Кайрынса эже, түндөгү машина менен ким келди? - деп сурап калды. - Насият турмушка чыккан го деп ойлодук эле.
- Насияттын атасы экен, - деди эне бекер келген экенмин дегендей кыска жооп берип. - Этиңден тартчы, - деди көңүлсүз.
- Канча тартайын?
- Бир кил жетет, Азаданын өлгөн күнү эмеспи.
- Аа-а, курган эне, жыйырма жылдан бери ар жылы өлгөн күнүн эстеп турасыз, бала деген кыйын экен ээ? - Керим эркек болсо да аялдан бетер шыпшынып койду.
- Энеден бала калса калсын, баладан эне калбасын, айланайын, Азадам кечээ эле жүргөндөй сезилет мага, Насият болбосо анын өлгөнүнө жыйырма жыл болгонун сезмек эмесмин.
- Мына туура бир кил, семизинен тарттым, күйөө балаңыз ушунча жылдан кийин эми келген экен да?
- Ооба, - деп кыска жооп айта салып, чыкканча шашты. "Өлүгүңдү көрөйүн десе, кимдин үйүнө ким келгени менен эмне иши бар, кулак түрүп эле турат, катындан да өткөн ушакчы", - деп өзүнчө күбүрөнүп үйгө кирди.
- Эмне болду, апа?
- Тиги Керим эле..
- Эмне дейт?
- Үйүңө машина менен ким келди деп сурайт жанталашып.
- Ошондой экенин билесиз, ага капа болбой эле коюңуз.
- Ошо жерге кирсин, айрыкча аялы өлгөндөн бери ушакчы аялдарча кеп-сөз тыңшап басып жүрөт, башка иши жокпу деги мунун, - деп күңкүлдөп отура кетти.
- Алтын апакем, капаланбачы, анан эмне дедиңиз?
- Ачык эле айттым, Насияттын атасы келди деп.
- Антсеңиз эмне деди?
- Ошонун сөзүн ким угат, баса бердим.
- Туура кылгансыз, - деп Насият апасына эркелей өөп алып, тамагына киришти. Эне ойлуу, кызынын келечегинен кабатыр болуп, өзү атасын табууну табыштаганы менен ичи ачышып, өзүнөн биротоло тартып кетип калчудай кызганып турду. Ар кайсыны ойлонгонго жүрөгү ооруп чыкты. "Кайдан дагы атаңды таап ал дедим экен, өмүрүмдүн акырында медер туткан каралдым өлгөнүмдө жанымда болбой калсачы, окуусуна шылтоолоп жибербей койсочу? Башымда ыйлап отураарым жок, армандуу өлүм болбосом экен, жарыгым чыркырап ыйлап турса жакшы болбойт беле", - деп санааркап жатып уктап кетти. Уктап жатып түш көрдү, түшүндө Азада үйгө кирип келип: "Апа, туура кылдың, Насиятты ар балээден атасы сактап калбаса, ага көз салгандар көп, капаланба, апа, сен кө-өп жашайсың, Насияттын баласын көрөсүң, капаланбай жүр, мен бир кездеги каталыгымдын азабын тарттым, ойлонбой жакшы жүр, апа", - деп босогодон кайра чыгып кетти.
- Апа, тамак бышты туруңуз, - деп Насият аны ойготуп жаткан экен.
- Аа-а, уктап кеткен турбаймынбы, - деп туруп, колун жууп атып, эмелеки көргөн түшүн эстеп ичтен тынды. "Байкуш жаным, көр пенделигимди кара, курган кызымдын билип турганын көр, кой жакшылап куран окуп койойун", - деп даам толгон дасторконго карап оозун кыбырата куран окуп, алакан жайды. - Оомийин, Азада Биймырза кызы менен абышкам Биймырзанын сообуна багыштадым, жаткан жери жайлуу болуп, күнөөлөрү кечирилип, жаны жаннатта болсун!
- Апа, жаннат деген эмне?
- Аа-а, кызым, тиги дүйнөнүн жайлуу жери болсо керек, ким көрүп келди дейсиң, - деп эне күрсүнүп алды. - Ушу сенин бой жетип, үй күткөнүңдү көрсө болбойт беле…
- Андай болсо кана, эми сиз аман болуңуз, апа, - деп Насият улутунуп койду. Көпкө кобурашып отуруп, анан орун салып жатышты.
- Иштеп жаттың беле, Наси?
- Ооба.
- Эмнеге иштегиң келбей калды.
- Жөн эле, жакпай калды.
- Шаарда өз үйүң болбосо кыйналдың го, каралдым.
- Андан эмес.
- Анан эмнеге, жигиттер жүдөттүбү?
- Койчу, апа.
- Койбой эле, сендей кыздарды көргөн эркектанаалар балга жабышкан аарыдай эле болот, кызым. Апаң дагы өзүнүн сулуулугуна менменсип, ушу Кулубекти теңсинбей койду, анткени карыш басса жигиттер ашыктыгын билдирип туруп алгандан улам өзүн ага тең эмес деген го?
- Келин болсо делеби?
- Ананчы.
- Ошончолук сулуу экен да…
- Дал сендей.
- Мен сулуумунбу, апа?
- Көп кыздын бири болуп кашымда жүргөндө эмне, - Эне Насияттын сөзүнө жооп бербей күңгүрөндү. - Сулуулуктун өзү жоо болот, кызым, бак берсин андан көрө, өңүңдүн кадыры кээде өмүрүңдү курмандыкка чалып койот. Сен андан көрө турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, бактылуу болсоң болду, сенин муңайганыңды, көзүңдүн жашын көрбөсөм экен.
- Алтын апакем десе, мени ким алып кетсе да сиз үчүн жашайм, сизди кейитпейм, небереңизди тез-тез алып келип көрсөтүп турам ээ, апке? - Жакын келип, апасын чоп эттире эки бетинен өөп алды. - Биринчи баламды сизге берем.
- Макул, каралдым, жайлуу жерге барып, күйөөдөн багың ачылса менин бактым ошол, садага, эми уктай гой.
- Жакшы жатып, жакшы түш көрүңүз.
- Өзүң дагы, - деп эне жанагы кызын көргөн түшүн эстеп алды. "Аттиң, өңүмдөгүдөй сүйлөшүп алсам кана, элеси гана көрүнөт садагамдын, жок дегенде бекем кучактап жыттап алсам не, өлүү дүйнө ошондой тура, элес-булас элеси көрүнүп жок болот", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти.
Адаттагыдай эле тиричилик башталып, таңды эрте тосту Кайрынса. Насият уктап жатат, аны ойготкусу келбей: "Уктап алсынчы, шаарда кайсы жарытып уйку көрөт дейсиң, эки айдын ичинде өңдөн азып да кетиптир", - деп ойлоно тоокторуна жем чачты. Арыкка суу келип калган экен огородуна суу койду, алмалары борсоюп бараткан: "Жакында бышса сатып, акчасын топтоп, пенсиямды кошуп Насиге берейин", - деп сүйлөнүп алды.
Түшкү чайын ичип отурушканда эшиктин алдына машина келип токтоду. Насият менен Кайрынса сыртка чыгып, Кулубектин машинесинен орто жаштардагы бир аял менен бир киши түшүп жатканын көрүп, туруп калышты.
- Апа, жакшы турасызбы? Наси, кандай, кызым? - деп Кулубек алар менен учурашты да: - Апа, бу кишилер эми сиз менен бирге болушат, айлык акысын өзүм чечип бердим, баарына макул болушту, - деп тигил экөөнө карады. - Бу кишинин кирин жууп, тамак-ашын даярдап берип карайсыңар. - Анан эркегине кайрылды: - Коля байке, буларды киргизип коюңуз.
- Макул, - деп ал ачылган багаждан коробкаларды көтөрүп кирип, - Кайда койом? - деп эки жакты карап калды.
- Балам ай-айе, мынча убараландың, тим койбойт белең? - деп Кайрынсага эми гана тил бүткөндөй күйөө баласына бурулду. - Мынчанын эмне кереги бар?
- Апа, мурда өзүңүз болсоңуз, эми үчөөсүз, сизди Тоня эже менен Коля байке карайт, мен тез-тез келип турам. Андан көрө буларга буйрук бере баштаңыз, - деп Кулубек күлүп калды. - Кызымды көргөндөгү көрүндүгүм, дагы-дагы толгон себептер үчүн сизге карыздармын, апа.
- Кой, балам, андай дебей жүр, дагы жакшы эрте табыштыңар, ата-энеңдин кайда жашаарын билбей гана убакыт өткөрдүм.
- Катыша электе чайлашпай ажырадык да?
- Ооба, ошондой тура тагдырыңар, - деп Кайрынса Колянын артынан ээрчип ичкери кирди. - Мына бу жерге кой, балам. Баары үйгө киргенде Кулубек Кайрынсага карады.
- Апа, буларга бөлмөсүн көрсөтүп коюңуз, өздөрүнүн төшөнчүлөрүн киргизип алсын.
- Макул, айланайын, бир бөлмөнү бошотоюн, - деп Насиятты жумшады. - Наси, аркы четки бөлмөнү бошотуп бер.
- Мейли, - деп Насият ары басып кетти.
- Бу кишилер сиздин айтканыңыздан чыкпайт, эгер бирдеме болсо мага айтасыз, акысын бербей кууп жиберем.
- Биз андайлардан эмеспиз, эне, куу тагдырдын айынан экөөбүз тең кыйналып жакында эле табыштык, менин да, мунун да үй-бүлөсү бар, биз алар үчүн жокпуз, - деди Тоня тартына сүйлөп.
- Эчтеке эмес, тил табышып кетебиз. - Кайрынса көзүн ала качып тайсалдаган аялды качандыр бир кезде көргөн сыяктуу эстей албай турду.
Тонянын чын аты Токтобү болчу, анда жаш кези. Мугалим болуп иштеп жүрүп, күйөөсү жокто башка бирөө менен жаткан жеринен күйөөсү түндөп келип калат. Жаңжал чыгарып, сабап койордо Токтобү жанын алакчылай качып жөнөгөн. Күйөөсү чоң муштум неме эле, колуна тийсе өлөөр-тирилерине карабай катуу төпөштөмөк. Андан качып чыгып баратып, артынан жете келгенде коркконунан верандадагы чай ичилген үстөлдүн үстүндөгү бычакты ала коюп, күйөөсүн жүрөк тушка бир урат. Таамай тийген курч бычак бир эле шилтегенде жүрөгүн жарып кеткен экен, дароо жан бериптир. Ошентип Токтобү он жылга соттолуп кеткен. Эки баласы кайната-кайненесинде калган эле, түрмөдөн чыккандан кийин аларга даап бара албады. Ата-энеси жок болчу, Кайрынсанын мындайыраак инисинин балдызы болгондуктан, аны жакшы таанычу. Анда жакшынакай келин эле… Кайрынсаны көрүп эле тааныган, бирок кетем деп айталбай тим болду.
- Энемди кыздын баласындай кылып багабыз, - деп койду Коля.
- Капа кылып же кийимин кир кылсаңар капа болбогула, колуңарга эки айдын акысын нак бердим.
- Ооба-ооба, эч кабатырланбаңыз, - деди Тоня дагы бүжүрөй четке отуруп. "Кайдагы бирөөнү алып келди, өзүм эле жашай бербейт белем", - деп ойлонгон Кайрынса унчукпай калды. Насият болсо ичинен сүйүнүп: "Эми коңшулар ого бетер көрө албайт чыгаар, эч кимисинде кызматчы жок, бизге суктанышсын", - деп кубанып жатты. Кулубек Насиятты ала кетмек болду эле, ал болбоду. Эки-үч күндө бараарын айткандан кийин ал дарегин, телефонун калтырып жөнөп кетти.
- Бүгүн эс алгыла, эртеңден баштап киришесиңер, жол жүрүп келдиңер, - деп Тоня менен Коляны караганда алар ыраазы боло бөлмөлөрүнө киришти. Экөөнүн табышканына бир айдай эле болгон. Үйүнүн айланасында таштанды аралап жүргөндөрүн байкап, Кулубек мурда эле сүйлөшкөн. Аларды өз үйүнө кызматчы, кароолчу кылып алсакпы десе аялы болбой койгон эле. Ал Насиятты имериш үчүн атайын жанын үрөп, чын дили менен ага жардам көрсөткүсү келип жатты, үйүнө барганда аялына ички оюн айтты эле, ал:
- Эмнеге билбедиң ушуга чейин? - деди алсыз.
- Мага айтпай качып кеткен болчу, мен дагы артынан барбадым, боюнда бар экенин билгенимде…
- Анда мага үйлөнмөк эмессиң.
- Туура, ажырашмак эмес элем да, өчөшүп кабар албай коюп эми билдим, балдар менен тааныштырып, алып келейин.
- Өзүң бил, эң улуусу экен, жыйырма бешке чыгыптыр да?
- Ооба, Нуртилектен бир жаш улуу.
- Ошондой, ал да сенин балаң, Кулубек, мен аргасыз, алсыз жанмын, менден кеңеш сураганыңа рахмат, эмнеси болсо да бир тууган эмеспи, алып кел, - деди Сейилкан оор улутуна. - Менин да күнүм бүтүп, суум түгөнүп бараткан шекилдүү, балдардын башын бириктирип жакшы кара, көз бол, бул оорудан өйдө боло албасымды өзүң билесиң, - деди оор онтолой.
- Секин, андай дебе, оорууну берген жараткан шыпаасын кошо берет, жакшы болуп кетесиң, - деп колдорун кармалай көңүл улады эле, Сейилкан ары карап жатып алды.
- Куру көңүл көтөргөнүңө ыраазымын, жаман-жакшы айтышпадык, беш балалуу болдук. Кыздарды эрте берип койдук окшойт, уулуң дагы эрте үйлөндү. Эми Актилекти үйлөнтүп койсок жакшы болот эле, көзүмдүн тирүүсүндө келинди көрүп, өз колум менен жоолук салсам кандай бакыт. - Үнү каргылданып кетти.
- Көп эле ойлоно бербесең, жакшылыкты көбүрөөк ойлосоң сакайышыңа да жакшы эмеспи, балдар укса капаланат.
- Мейли эми, сени да кыжаалат кылып ийдим окшойт, баса, мен айтканды качан аткарасың? - Сейилкан күйөөсүн чүңүрөйүп ичине кирген көзү менен карады. Негедир Кулубектин жүрөгү солк этип алды, кунарсыз, бозомук тарткан жансыз көздөрдөн чочуп кетти.
- Эмнени айтасың? - деди өзүн кармай токтоо.
- Сени аял ал дебедим беле?
- Мени үйлөнтөсүңбү же уулуңдубу? - деди күлгөн болуп.
- Сенин бойдок жүрүшүң жарабайт, эл менен жүргөн кишинин жакасы кирдеп калбаш керек. Эртели-кеч үйгө келсең да тамагың даяр болбосо кыйналып каласың, мен сага ыраазымын, Куке…
- Кой, жатып эс ал, эртең жумуштарым көп, кардың токпу? - деди жүзүнө үңүлө. Кан-сөлү качкан жүзүндө тирүүлүктүн жышаанасы жок эле, бет сөөгү баштагыдан да оркоюп, жаагы шимирилип, кырдач мурду коңкоюп калыптыр. Кулубектин ичи ачышып кетти, кантсе да жыйырма жылдан ашык бирге жашаган аялын жамандыкка ыраа көрбөй турду. Күндө укол сайып, дарысын берип карап турчу сестра менен врачына жолугушту ойлоп өйдө болду. "Колдон келчү нерсе болсо кана, канча байлык кетсе да сакайып кетсе болот эле, врачтар үмүт жок деп коюшту, башка келгенин көрөөрбүз", - деп өз ордуна барып жатты. Насият: "Апамдын жанында бир жума туруп барам", - дегенден кийин жолдо келатып алда нени сезгендей жүрөгү опкоолжуп кетти. Катуулата айдап, жолдон көзүн албай ою онго, санаасы санга бөлүнө шаарга жетип, үйүнө бурулду. Ал келсе дарбазанын сыртында тез жардам унаасы токтоп турган экен. Машинасынан түшүп, шашыла кирип келсе бир топ эл чогулуп калыптыр, Сейилкандын ата-энеси да жүрөт.
- Эмне болуп кетти? Жол бергилечи, деги тынччылыкпы? - деп ортого келип делдейип туруп калды. Кайын энеси ыйлап жатыптыр, күйөө баласын көрүп эле бакырып койо берди. Сейилкан жаңы эле үзүлгөн экен, уул-кыздары энесин жоктоп ызы-чуу түшүп калышты.
- Аа-ай, айланайын Кулубек, Секинимден айрылып калдым, арман күн ай, арман күн, айыкпас дартка чалдыгып ушуну көрдү го?!
- Апа-а! - деп эки кызы үстүнө түшө калаарда аялдар кармап калды. Ошентип кечээ кечинде сүйлөшүп айтаар сөзүн айтып отурган Сейилкан азыр жансыз гана суналып жатты. Аны үч күндөн кийин жерге берип, баш-аягын жыйнагыча бир топ күн өтүп кетти. Насият бир жумадан кийин шаарга келип, атасына телефон чалса эч ким албады, дареги боюнча барып болгон ишти беритен угуп, кирүүгө даабай кетип калды. Гезиттердеги жарнамалардан жумуш издеп, убактылуу батирге кирип жашап калды. Чалкарбек баягы кафеде отургандын эртеси гезитке чалса Насияттын жумушка келбегенин айтышты. Оозундагысын Кулубекке жулдуруп ийгендей жинденип, телефон чалганы жатканда анын аялы өлгөнүн укту. Ошентип ал батага барып, Кулубек менен четте сүйлөшүп туруп:
- Демек аяштын адам болбосун билип, кыздарды жандап жүргөн экенсиң да? - деди кара күчкө күлүмүш этип.
- Эмне деп жатасың? - Кыртышы сүйбөй суроо узатты Кулубек. - Деги баягы адатың калбайт экен да, мен сенчелик эмесмин да.
- Койсоңчу, өткөндө тиги кафеде бир чүрөк менен отурбадың беле? - дегенде ары жактан Кулубекти бирөө келип алып кетип калды. Чалкарбектин эмне жөнүндө айтып жатканына анча түшүнө бербей Кулубек ары басып кетти. Алыстан туугандары келген экен. Алар менен алагды болуп калганда Чалкарбек кетип калды. "Энеңдурайындыкы, дегеле сыр билгизгиси келбейт, катынынын өлөөрүн билип, жаш кызды бир жерге камап койду да", - деп кызганычын тыя албай сөгүнүп баратты. Улгая баштаса да ага караганда Кулубек бой мүчөсү келишип, келбеттүү эле, андан кызганып, ичи күйгөнү да ошол себептен. Насият болсо гезиттеги жарнама аркылуу бир мекемеге кирип, иштеп калды. Маянасы аз болсо да убактылуу иштеп турайын деп чечти. Бир күнү жумушка кечигип келсе шефи алда качан келип, бирөө менен отуруптур, ал келээри менен телефонун шыңгырата чакырганынан кирип барса Чалкарбек отурат. Сыр билгизбей баш ийкей учурашкан болду да:
- Угуп жатам, агай, - деп шефине кайрылды.
- Бизге кофе алып келчи.
- Жарайт, - деп чыгып кеткенде Чалкарбек Сүйүнтбек Маралбаевге карады.
- Бул кыз качантан бери биерде иштейт?
- Аз күн болду, эмне тааныйсыңбы?
- Ооба, мурда бир гезитте иштечү эле.
- Анысын билбейм, бизге келгенине бир жума боло элек.
- Жакшы-ы…
- Сулуу кыздарды көргөндө көзүң кызарган адатың али кала элек экен ээ, оңбогур? - деп Сүйүнтбек акырын айтып каткырып калды.
- Эркек болгондон кийин болот да, ден-соолук берсе дагы алтымышка баргыча далай кызды кокуйлата турган чама бар, дос, - Карсылдай күлүп, санын чаап калганда Насият чай көтөрүп кирди. Чыныларды экөөнүн алдына коюп, кайра чыгып кетти.
- Көп эле сулуу кыздарды көрдүм эле, бул кыз андайлардан эмес, абдан тарбиялуу экен, башы оор, ишине так, - деди Сүйүнтбек ал чыгып кеткенден кийин.
- "Кыз экенинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат", - дегендей булардын ички сырын билиш оңой эмес, мисирейе беришет, байлыктын четин көрсөтүп койсоң сага өзү жармашат, - деп Чалкарбек кыжырлуу айтканда Сүйүнтбек:
- Ой, ат-та, болду эми башка ишке өтөлү, - деди ага.
- Сулуу келин-кыздар буту-колуңду, денеңди укалап турса жаманбы?
- Сенин жаш аялың бар эмеспи?
- Ал эмне отурат үй кайтарып, мени зарыга күтүп.
- Кайран кайбар десе, ал бечараны күн көргөзбөй камай берсең эмне болот?
- Аялдарга ишенич жок, каратып туруп эмне кылганын кайдан билесиң,
Боор ооруба аял затына.
Билсең алар азыткы.
Заматта көзүң бурулса
Башкага пейлин бурбаспы? - деп илгеркилер бекеринен эркекке көбүрөөк укук берген эмес да, - деди Чалкарбек. Көз алдынан Насият кетпей: "Кандай кылсам экен, муну уурдап кетсем эмне болоор экен, кокус айыбым ачылып калса аброюмду ушул чычкак кыз үчүн жоготуп аламбы", - деп ойлоно түштү.
- Ээ, дос, туура айтасың, бирок жаш кыздарга кыйын болуп калат, бизде да кыз бар эмеспи.
- Кудай сактасын, кой анда мен жөнөдүм, менин тапшырмаларымды унутпа. Буйруса, келерки шайлоодо президенттикке койсомбу деп турам, - деп Чалкарбек өйдө болду.
- Жакшы анда, баары ойдогудай болот, кам санаба,
- Ишенем, - деп чыгып баратып Насиятка карады. - Насият, жумуштан которулууңа эмне себеп болду?
- Жеке маселем.
- Жеке болгондо кандай? Жашагандан же акчадан кыйналып жүрбө, любой күнү мага чал, жардам берем.
- Рахмат, эч нерсеге муктаж эмесмин.
- Ойлон, - деп коюп курсагын чандайта араң басып чыгып кетти.
- Акмак, мени ким деп ойлоп жүрөт? - деп шыбырай узата карап кала берди кыз. Ал иштеп жүргөндө Кулубек айылга келип, Насияттын шаарда экенин угуп, бушайман болду. "Же телефон чалып таппай калдыбы, эмнеси болсо да аман-эсен болсо экен", - деп кабатырлана кайра жөнөдү.
Чалкарбек жиберген эки жигит Насиятты жумушунан кетип баратканда уурдап алып кетмек болуп акмалап жүргөн. Бирок дал ошол учурда көчөдө эл көп болот, Насият эч нерседен бейкапар чогуу иштешкен кыздары менен күлүп-жайнап өтүп кетет, берки экөө унчукпай аңырайып кала берчү болду. Чалкарбек ачууланып:
- Анын эмнесинен коркосуңар, керек болсо көзүн тазалап салууга да болот, бүгүн эмне кылсаңар да кыз колумда болсун! - деп кайра жөнөттү.
- Аксакал, айтканыңыз аткарылат, сизге сөз тийип калабы деп чочулап жатабыз.
- Силердин маңдайыңарга жазылып турабы менин жибергеним ыя? Шылтооңорду коюп, алып келгиле!
- Жарайт, аксакал, - деп экөө адыраңдаган бойдон кайра кетти. Ал күнү Насият сыркоолоп, жумушуна телефон чалып айтып коюп, келбей калды. Кечке батиринде жатып, кечке маал атасына телефон чалды эле, Кулубек өзү ала койду. Ал дагы ооруп, ысытмасы көтөрүлгөндөн улам чыдай албай үйүнө камынып жаткан.
- Алло, угуп жатам, - деди Кулубек.
- Саламатсызбы? Бул мен Насият.
- Алло, кызым, сен кайда жүрөсүң, үйгө барып таппай келдим, - деди Кулубек шашыла.
- Мен батирдемин, ооруп жатам.
- Азыр барам, мени күт, дарегиң кандай? - Насият ага жашаган жерин айта салды, жарым саат өтпөй Кулубек келди. Дароо унаасына отургузуп, үйүн көздөй айдаганда эрди көгөрүп, калтырап жатканын байкады да:
- Ооруканага барсак окшойт, өзүңдү кандай сезип жатасың, кызым?
- Калчылдап чыйрыгып жатам.
- Анда ооруканага алып барайын, - деди да, борбордук оорукананын кабылдамасында иштечү тааныш врачына жөнөдү. Ал кызды көрүп эле:
- Ооруканага жаткырыш керек, бул бир оорунун белгиси, анализдерин толук тапшырып текшерүүдөн өтсүн, - деди.
- Болуптур, мында калсын, жакшылап кара, Тазабек, - Кулубек таанышына жалдырай карады, - бул менин кызым. Кыскасы ден-соолугун толук текшерип, дарылай көргүлө.
- Колдон келгенин жасайбыз, анча коркунуч жок, - деп врач кагаз жазып, колуна карматты. - Бүгүндөн калбай жатсын.
Кулубек Насияттын тиши-тишине тийбей калчылдап турганынан коркту. Аны палатага жаткырып коюп, өзү керектүүлөрдү алып келип берди. Насият укол алып эс ала түштү окшойт, жаткан жеринде көшүлүп уктап кетти. Кулубек үйүнө көңүлсүз кайтты. Актилек менен кичүү кызы бар болчу. Атасынын кебетесин көрүп эле:
- Ата, бир жериңиз ооруп жатабы? - деп кызы чочулай сурады.
- Жок, кызым, эч жерим ооруган жок, чарчаганымдан го?
- Тамак ичиңиз, даяр турат, алып келейин.
- Макул, алып келе гой.
- Сиз ооруп тургандайсыз, ата, - деп Айзирек кабатырлана карап, алдына тамагын койду. - Апам болсо бизди таштап кетти, сиз оорубаңызчы, ата, - деп ыйлап ийгенде Кулубек кызын бооруна кысып алып:
- Ыйлаба, кызым, баарыбыз жараткандын колундабыз, качан керек болгондо өзү алат, көп ыйлай берсең апаңа жаман болот, аякта кыйналат, кызым, отурчу жаныма, - деди анан.
- Эмнеге?
- Мен сени менен сүйлөшөйүн, Актилек жатып алдыбы?
- Ооба.
- Эртең эжең менен Нуртилек, Кимбилеттерди өзүм үйгө чакырып келем, адегенде мени ук, - деп ойлуу карады.
- Эмне дегени турасыз, ата?
- Бир маанилүү сөз айтам, кызым…
- Жакшы сөзбү?
- Ооба, кызым, бул жөнүндө апаң да билчү, мен мурун бир аялга үйлөнүп ажырашкамын, андан бир кызым бар…
- Ал каякта?
- Азыр ооруканада.
- Менин эжем болобу?
- Баарыңардан улуу кызым, ооруканадан чыкканда үйгө алып келем, эртең чогуу сүйлөшөбүз, мен эс алайын, кызым, - деген Кулубек өз бөлмөсүнө кирип да врачтын айтканын эстеп кыжаалат боло берди: "Кандай оорунун белгиси болушу мүмкүн, эмитен оорукчан болуп калса кантет, сак-саламат болсо экен, садагам кызым, эми гана көңүлүм тынып келе жатканда". Эртеси эртелеп туруп, ооруканага жөнөдү. Ал келгенде Насият уктап жаткан, жанына отуруп күтүп калды. Көптө барып көзүн ачканда гана:
- Кызым, акыбал кандай? - деди чачынан сылай.
- Жакшы.
- Тынч жаттыңбы, садага, кыйналган жоксуңбу?
- Жок, жакшы элемин, кабатыр болбоңуз.
- Анализ алдыбы?
- Ооба, анын кереги эмне, мага уруксат берсе кете берейинчи.
- Жо-ок, жакшылап текшерүүдөн өтүшүң керек, кызым, эмне болуп ооруп калдың?
- Кечинде бир аз ооругансып турганымдан дары ичип жатып алгам, эртең менен катуу ооруп калыптырмын.
- Көрдүңбү, сен текшерилип алышың керек, кызым, мурун ооручу эмес белең?
- Кээ-кээде башым ооруп калчу, андан башка ооруган эмесмин. - Ошол убакта врач кирди.
- Оо, кызым, кандай, акыбал жакшыбы?
- Жакшы.
- Сиз чыга турсаңыз, - деди анан Кулубекти карап, - Жакшылап көрүп койолу.
- Макул-макул, - деген Кулубек палатадан чыга берди. Догдур тыңшагычы менен тыңшап, ичин басып көрдү:
- Кызым, ден-соолугуң жакшы, эми анализдерди күтөлү, анан башыңды текшерип көрүш керек, мурда башың ооручу беле?
- Кээ-кээде эле ооручу.
- Мына-мына, биз дагы ошондой деп ойлоп жатабыз, сенин башыңда болушу мүмкүн.
- Кантип, анча деле ооручу эмес, азыр жакшы элемин.
- Жок-жок, сен али жашсың, кызым, оорунун белгилери белгилүү. Сен тынч жат, эки-үч күндө толук текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүңө жөнөтөбүз.
- Мен жакшы элемин, эмнеге текшерүүдөн өтөм? - деген Насият: "Эмнеге башымды да текшеришет, апамды тартып башым оорукчан болуп калдыбы, балким апам өлгөн куракта өлүп калаармын", - деп сары санаага батып жатканда Кулубек кайра келди.
- Кызым, сени өзүм толук текшерүүдөн өткөрсөм окшойт, башыңда бар деп жатышат, - деди жанына отуруп жатып.
- Эмнеге башымды, анча оорубайт, грипп болгондо эле оорубаса баары жайында, мен кетем, айтыңызчы, уколдон тажап кеттим, - деди Насият ыйламсырай.
Ошол күнү врач менен сүйлөшкөн Кулубек Насиятты өзү менен алып кетти да, УЗИлерден өткөрүп, томографияга текшертип, кайра ооруканага алып келди. Анализ кагаздарын карап көргөн врач:
- Кызым, мээңде шишик пайда болгонун карачы, ушундайда дарыланышың керек, бул өтө коркунучтуу дарт, күчөп кетсе операция жасоого туура келет, бирок мээ өтө назик, ошондуктан кийин кыйын болуп калат, - деди экөөнү карай.
- Ошондо жакшы болуп кетеби? - деп Кулубек врачты күмөнсүй карады, оорусун угуп коркуп турган кызынан чочулады.
- Азыр дарыласа болот, укол менен жойобуз, анткени дарт жаңы гана пайда болгон, аяк-биягы бир ай жатса сакайып кетет.
- Оозуңузга май, анда жатып дарылансын, ушул кызымдан эч нерсемди аябайм, жакшылап караңыз.
- Жарайт, болгон аракетимди кылам, кам санабагыла, сакайтып чыгарам, - деди врач күлүмсүрөй. Насият унчукпай калды, анын оюнда өзүнүн курагында өлгөн апасы турду, коркунуч каптап сүйлөөгө дарманы келбеди. Кулубек догдур менен сүйлөшүп Насиятты үйүнө алып кетти, эртеси алып келип жаткырам деп сүйлөшүп койгон. Ал үйүнө түш оогондо келди. Балдары келип күтүп жаткан экен, улуу кызы Касиет гана жок.
- Ата, келдиңизби деги? - деди Нуртилек утурлай, ал Насиятты жал-жал карап, баш ийкеп койду, бир аз мурун эле Айзирек баарына айтып отурган.
- Келдим, уулум, иштер чыгып калды, - деген Кулубек үйгө баштады. - Наси, кире гой, кызым.
- Ийи, - деген кыз ичкери кирип, заңгыраган кенен үйдүн ички жасалгасына көз жүгүртүп баратып, "Кызым, дүйнөдө ар кандай жашоо бар, сен курбу-курдаш күтүп, үйүнө барып калсаң алардын жашоосуна таңыркап турсаң дагы сыр билгизбе. Бирөөнүн жакшы нерсесине суктанган жакшы адат эмес", - деген апасынын сөзү эсине түшө өзүн карап калгандарды көрүп унчукпай Кулубек көрсөткөн орундукка отурду.
- Балдарым, бул силердин эжеңер болот, аты Насият, - деди Кулубек.
- Ата, мурда айткан эмес элеңиз го? - деди Нуртилек тура калып.
- Апаң алып кел деп көп эле айтты, мен ошол кезде Насияттын иштеген жерин таппай калбадымбы?
- Калп, апам өлгөндөн кийин алып келдиңиз.
- Уулум, ал эмне дегениң, мындай сөздү айтууга кантип оозуң барды?
- Кечириңиз, ата.
- Менин кызым, силердин бир тууганыңар, мындан ары эң улуу эжеңер катары жакшы мамиледе болгула, - деп отуруп калганда Айзирек Насиятка жакын келип:
- Менин атым Айзирек, он жетидемин, - деди жылмая.
- Кубанычтамын, менин атым Насият, жыйырма бештемин, - деп колун сунганда Айзирек колун кысып, бетинен өптү. Андан кийин Нуртилек, Кимбилет менен Актилек келип кол алыша учурашышты.
- Биз сиздей эжекебиздин бар экенине кубанычтабыз.
- Мен дагы, бир туугандарымды көргөнүмө чексиз кубанам.
- А сиз канча бир туугансыз? - деди Айзирек шоктоно.
- Мен жалгызмын, силерден башка эч кимим жок, - деп мостойо түштү Насият.
- Кечириңиз, апаңыз сизден башка төрөгөн эмеспи?
- Айзирек, кызым, осол суроо бергениң болбойт, - деп Кулубек кызын оңтойсуздана карады. - Бу сиңдиң өтө шок, бойго жетип эле калды, токтоло турган түрү жок.
- Эчтеке эмес, мен жөнүндө баары билгиси келип тургандыр. - Насият инилерин карай. - Апам мени гана төрөгөнгө үлгүрүптүр, азыр ал жок, алты айлык кезимде каза болгон экен, таенемдин колунда чоңойдум, - деди.
- Кечириңиз, апаңыздын өлгөнүн билбей кичинеңизде жакшы болуптур, биз апабыздын ордун сыйпалап таппай кайгы тартып отурабыз, - деп ыйлап ийди Айзирек.
- Азаңарды бирге тартууга даярмын, өкүнүчтүү болгон экен, аз да болсо эненин мээримин көрүп, жылуу сөзүн укканыңарга суктанам, кандай бактылуусуңар!
- Болду, балдар. Эжеңер эс алсын, эртең ооруканага жатат, - деп Кулубек Айзиректи кайрылды. - Кызым, тамак жасай кой, эжекеңди коноктойлу.
- Макул, - деп ал ашканага кирип кеткенде эки жеңеси кошо басты. Ошол убакта Касиет кирип келди, колунда бир жашка толо элек уулу, жанында күйөөсү бар эле. Ал Насиятты көрүп босогодон аттап туруп калды. "Апамдын али кырк ашы боло электе аял алып келип алганбы, ушул жаш эле кыз атама тийгиси келеби, ай кудай ай, апамдын өлүмүн эле күтүп жүрүшкөн го?", - деп ойлонгуча күйөөсү Тимур:
- Сага эмне болду, баспайсыңбы? - деп карыга түрткөндө гана эки көзүн Насияттан албай ичкери кирди.
- Кел, кызым, кел, - деп Кулубек тура калды. - Кана-кана, неберемди берчи мага, - деп колун сунганда Касиет көз жашын куюлта:
- Ата, бул эмне кылганыңыз, апамдын өлүмүн эле күтүп жүрдүңүз беле?! - деди. Эч нерсеге түшүнбөй калган Кулубек чочуп кетти:
- Эмне болду, кызым?
- Мени кызым дебеңиз, эми бул үйгө кайрылып келбейм! - деп жулкуна эшикти карай жөнөгөндө Нуртилек анын алдын тосо:
- Биздин улуу эжебиздин бар экенин билбей, таанышпай кете бересиңби? - деп колундагы баланы ала койду. - Бул биздин бир тууганыбыз экен, жаңы гана тааныштырып жатат, - дегенде Касиет артына кайрыла берип, Насиятты көпкө тиктеди.
- Эмне дейсиң, аке?
- Ошондой, бул биздин эжекебиз, сен ойлогондой эмес, - Нуртилек карындашынын оюн билгендей акырын мыйыгынан жылмайып койду. - Жүрү, таанышып отур.
- Чынбы? - деген Касиет кайра кирип, отуруп калганда Кулубек:
- Кызым, сени экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөй калдык, баарыңарды чогултуп бириктирейин, тааныштырайын дегем. Насият менин мурунку аялымдан төрөлгөн кызым, силердин эң улуу эжеңер, - деди Кулубек.
- Кечирип кой, ата, мен… - Касиет мукактана түшүп, анан Насиятты карады. - Куш келипсиз, эже, менин атым Касиет, эки уулдан кичүүсү, экөөнүн улуусумун, - деди кабагы ачыла.
- Эчтеке эмес, силерди тапканыма кубанам.
- Эжеке, аябай сулуу экенсиз, көз тийип кетпес бекен?
- Койсоңчу, мендей кыздар толуп жатпайбы, - деп жылмайып койду. - Менин сулуу бир туугандарым бар тура.
- Рахмат, - деп Касиет унчукпай калды. Ал өзүнүн туура эмес ойлоп алганына ичинен уялып турду, бирок күнүлүк да ою бар эле. Башка бир туугандары сыяктуу ал дагы: "Апам өлө электе айткан эмес эле, ал өлөөрү менен кызым бар деп чыга калганын, бул мага бир тууган болмок беле, эч качан бир тууганым деп эсептебейм", - деп жатты оюнда. Аңгыча эки келини тамакты алып келип калды. Роза Нуртилектин аялы, Астра Кимбилеттики, эки келин тең шыпылдаган, адамгерчиликтүү келиндер. Чогуу отуруп тамактанышты да, өз-өз бөлмөлөрүнө кетишти.
- Сенин бөлмөң ушул болот, кызым, эртең дарыланууга барасың, мен сага керектүүнүн баарын алып келип бөлмөңдү жасалгалап койом, - деп чекесинен өөп артына кайрылды.
- Жакшы жатыңыз, ата, - деди Насият, ал азыр өзүн бактылуу сезип турган.
- Жакшы эс ал, кызым. - Булардын сөзүн угуп жаткан Касиет:
- Бизден дагы жакшы көрө турган кызын тапкан экен, анысын бул үйгө мен тургузаар бекенмин, - деп алды өзүнчө.
Эртеси Кулубек кызын ооруканага алпарып жаткырып коюп, врачка сүйлөшүп анан кетти. Насият: "Неге менин башым ооруп калды, тирүү каламбы, эми гана атамды, бир туугандарымды тапканда апамдай болуп өлүп калбасам экен", - деп күнү-түнү ойлонгонго кайрадан ысытмасы көтөрүлүп, ооруп калды. Кулубек: "Муну биерде кармап отурбай башка жакка көрсөтсөм окшойт, илдети күчөп кетпесин", - деп санаасы тынбай кайрадан врачка кирди.
- Эч кандай коркунуч жок, - деди врач. - Болгону өзү көп ойлоно коюп жатат, ойлонгондо мээге күч келип кетет, ошондуктан кабатырланганга, кайгырганга болбойт, - деп колун жая түшүндүрдү.
- Сакайып кетсе жакшы. Балким башка жакка жолдомо берээрсиз, ушундайда жакшылап дарылатпаса кеч болуп калбайбы?
- Жок-жок, эч кам санаба, баары жайында болот, кызың улактай секирип ойноп кетпесе мага кел.
- Сизге ишенейин, он күндүк дарылануудан кийин кайрадан текшерип турушубуз керек, ошондо жыйынтыгы билинет, туурабы?
- Албетте, тез-тез анализдерин текшерип турабыз.
- Анда мен барайын, - деп Кулубек палатага жөнөдү, келсе Насият ойгоо жаткан экен. - Кызым, ал-абалың кандай? - деп жанына отуруп, чекесинен өптү.
- Жакшы, сизди кыйнадым окшойт ээ?
- Жок, эмнеге антип жатасың, кызым, сен үчүн мен кыйналбайм, өзүң сакайып кетсең болду.
- Ата, менин ооруганым жөнүндө апамдын билбегени жакшы, ага эч нерсе айтпаңыз.
- Жок, кызым, кары кишини ойлонтуп эмнеге айтмак элем, анын үстүнө сен жакында сакайып чыгасың, анан барып үйгө жүрүп келесиң, иштебей эле келээрки жылга чейин эс алгын, макулбу? Быйыл окуудан кеч калдың, эмки жылы эртелеп тапшырабыз.
- Макул.
- Кызым, сен көп ойлонуп жатат окшойсуң, көп эле ойлоно бербе, сенин ооруң эң жөнөкөй экен, тез-тез текшертип турабыз, анан куландан соо болуп кетесиң.
- Ойлонгон жокмун.
- Көп ойлонбо, кызым, мен жумушка барайын.
- Бара бериңиз, - деп жылмайган болду Насият. Кулубек кеткенден кийин коридордо бир аз басып, кайра кирип келе жатканда:
- Чоң кыз, - деген үн угулду артынан, бурулуп караса бейтааныш жигит аксай басып өзүн көздөй келе жатыптыр. "Мени эмес, башканы чакырып жаткан го", - деген ойдо кайра жөнөй бергенде дагы үн катты: - Токтой турсаңыз, чоң кыз.
- Кимди айтып жатасыз?
- Мен сизди айтып жатам, - деп жете келди жигит. - Сиз мени таанып турасызбы?
- Жо-ок, а сиз кимсиз?
- Сиз Кайрынса апанын жээни эмессизби?
- Ооба, эмне экен? - Жээни дегенге ачуусу келе терс бурулду. - Мен сизди тааныбайт экенмин.
- Насият, ооба-ооба, таптым атыңызды, сиз мени унутуп калсаңыз керек. Билесизби мектепти бүтүрүү кечесинде сизге суктангандар көп эле, ошолордун арасында мен дагы бар болчумун, - деп бежиреп жатканда Насият токтоп калды. Басып кетүү адамдык касиеттин төмөндүгү экенин ойлоп аярлап угуп турду. - Ошондо көпөлөктөй чимирилип бийлегениңизди көрүп, мен сизди бийге чакырмак болгом, мени классташың Көчкөнбай кызганып сабап салбадыбы?
- Ошондойбу?
- Ооба, сиз кайдан билмек элеңиз, достору менен сыртка чакырганынан чыксам он чактысы биригип тепкилеп салышкан.
- Жаман болуптур, а сиз кайсы айылдансыз?
- Коңшу айылдан, таежемдин баласы менен баргам.
- Ал сизди коргоп калалбадыбы?
- Кайдан, ал өзүнүн сүйгөн кызы менен бийлеп жүрүп билбей да калган.
- Ал ким эле?
- Тенти деген бала.
- Аа-а, сиздин бөлөңүзбү?
- Ооба, кандайсыз анан, турмушка чыктыңыз беле?
- Жо-ок.
- А мен ойлогомун, сизди эмдигиче жигиттер илип кеткен чыгаар деп, менин атым Руслан, биерде жатканыңызга канча болду?
- Бир аз күн…
- Эмнеңиз ооруйт?
- Башым.
- Оо, мен дагы башым ооруп келгем, бутумдун сынганына да көп боло элек, эми минтип ооруканада жатам, - деп сүйлөп жаткан Русланды Насият кунт койо карап калды.
Ошондон баштап көп ойлонбой кээ-кээде Руслан менен сүйлөшүп алаксып калат. Кулубек кийинки келгенинде Айзиректи, Кимбилетти аялы менен ээрчитип келди, алар тамак-аш алып, гүл дагы көтөрүп алышыптыр.
- Кандай, жакшы болуп калдыңызбы? - деп Кимбилет эң алды учурашты.
- Жакшы, рахмат, өзүңөр кандай?
- Баары жайында, биздин эжекебиз үйгө эртерээк келсе экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, - деди Айзирек күлүмсүрөй.
- Рахмат, убара болгон жоксуңарбы?
- Эмнеге, сиздин ден-соолугуңузду билгени келгенибиз убаракерчилик болмок белек? - дешип көпкө отурушту. Насият ичинен кубанып турду, бирок алар менен биригип, бир туугандай боло албасына өкүндү. Негедир алардын өзүнө жасаган мамилеси башкача көрүнүп, мазактагандай-табалагандай сезилип туруп алды. "Мени чын дили менен кабыл алышкан жок, атасын менден кызганышат, өздөрүнүкү гана болушун каалашат", - деп ойлоп кыйнала берчү болду. Канчалык өзүн алардын жанында эркин сезмек болсо деле тартына берет. Кийинки келгенинде Касиет да келди, ал Насияттын ал-акыбалын сурагандан кийин:
- Мурда кайда жүрдүңүз эле? - деди кыйгачтай карап.
- Өзүм төрөлгөн үйдө.
- Атамды кайдан таптыңыз, балким сиз атамдан эмес чыгаарсыз, жаңылышкан жоксузбу, же сизге ата болуп жардам берчү адам керек беле?
- Касиет, мен сага жооп бере албайм.
- Эмнеге, аа-а түшүнүктүү, азыр сизди кызым деп эч нерсесин аябай турган, кай жагынан болсо да колдой турган адам бар да…
- Сенин сөзүңдү угууга убактым жок, кандай келсең ошондой палатадан чыгып кет, - деп кетенчиктей керебетине отурган Насият терс карап кеткенде Касиет анын маңдайына келди:
- Сен бизге бир тууган боло албайсың, апамдын өлүшү менен эле пайда болгонуңду мен кечире албайм! - Ошентип жыландай заарын чачып чыгып баратканда алдынан Кулубек чыга калды:
- Касиет, сенин бул эмне дегениң? - деди ал кирип келип эле. - Мен Насиятты силерден кем көрбөймүн.
- Кереги жок, баарыңардын керегиңер жок, кеткиле азыр, силерди көргүм келбейт! - деп Насият бетин басып ыйлап ийди.
- Ошондо эле жеңип чыгам дейсиңби, бул биздин гана атабыз, сен анын эч кимиси эмессиң? - деп Касиет чыгып кетти. Ортодо ачуусу келгенинен калчылдай түшкөн Кулубек эшик жабылаары менен Насияттын жанын отуруп:
- Капаланба, кызым, мунун кыялы ошондой, апасы деле мындай эмес эле, акыры бири-бириңерге көнүп кетесиңер, - деп Насиятты бооруна тартмак болгондо ал тура калды:
- Эми мага эч кимдин кереги жок, келбеңиз мага, мен башынан эле жалгыз элем, жалгыз бойдон калганым артык, сизди унутам, кетиңиз, кетип калыңыз!
- Кызым, андай дебе, мен сени эч кандай таштабайм, сен менин гана кызымсың.
- Унутуңуз мени! - деп палатадан чыгып кетти. Кулубек делдирей отуруп жүрөгүн мыкчый жыгылып калды, анын кан басымы көтөрүлүп кеткен эле. Эч ким көрбөй көпкө жатып калды. Бир маалда Насият сырттан кирип бакырып жиберди. Анын үнүнө врачтар чуркап келип, үймөлөктөп калышты. Көптө барып көзүн ачкан менен Кулубек жанында шолоктоп ыйлап турган Насиятты көрдү, бирок тили күрмөөгө келбей сөз сүйлөй албады. Кечке маал Актилек менен Нуртилек келип, атасынын абалын көрүп чочуп кетишти. Эртеси Касиет палатага кирип келатып, атасынын жанында отурган Насиятты көрүп эле:
- Баары сенин айыңдан болду, биздин жашообузга кара көлөкөдөй болуп кайдан пайда боло калдың? Чыгып кет азыр, атамдын жанында отурганга акың жок! - деп кыйкырганда Кулубек ачуулуу башын гана чайкап, сүйлөй алган жок.
- Оозуңа карап сүйлө, мен эмес, сенин айыңдан болду, алдагы балаң менчилеп талаада өссө көрөт элем, үйүң бузулган шерменде! - деген Насият өзүнүн палатасына кирип, ыйлап жатты. Касиет менен келген Айзирек анын артынан келип:
- Сиз капа болбоңуз, атам сакайып кетсе болду, эжекем үчүн мен сизден кечирим сурайм, - деп кучактап алып соороткондо ызага буулуккан Насият дагы аны кучактап алып, солкулдап үнсүз ыйлай берди…
Ошентип Кулубек төшөктө жатып калды, бир ай дегенде зорго тили күрмөөгө келип өйдө болду. Бул кезде Насият ооруканадан чыгып, айылга кетип калган эле. Анын кабагы салыңкы, өңү азып келгенин көргөн эне ичинен сызып өнтөлөп жатты:
- Шаарга барбай эле кой десе болбойсуң, сен ооруп жүргөн жоксуңбу?
- Жок, апа, ооруганым жок.
- Анан эмнеге өңүң азган, кызым, менден эчтеке жашырба, садага.
- Эмнени жашырмак элем?
- Таң, жүрөгүңдө сыр бардай, бир нерсеге нааразы болгондой түрүң бар го, кызым.
- Жок, апа, жолдо чарчап келгендики болсо керек, жакшы элемин, атам ооруп калды…
- Эмнеси ооруйт экен?
- Кан басымы көтөрүлүп кетиптир.
- Олда-а байкуш аа-ай, жакында эле аялынын өлгөнүн айтты эле, көп ойлонуп койгон го байкуш.
- Билбейм, сүйлөй албай жатат.
- Ботом, ошого капалангансың го, баса бербей жанында болсоң болмок экен. - Кайрынса сыртка карай үн салды. - Ээ, Тоня, бирдеме алып кел, кызым жол жүрүп чарчап келди.
- Азыр, эне, даярдап жатам, - деген Тоня көп өтпөй ысык чай менен тамак көтөрүп кирди. Кайрынса аларга көнүп калган, сырткы жумуштарды Коля жасап, өзү кирип-чыгып гана эки жакка басып калган. Төшөнчүлөрүн да Тоняга оңдотуп-түзөтүп, жаңы төшөк каптатып, колу узарып, көңүлү тына түшкөн. Анын бул жашоосун көргөн коңшулары суктанып жатышты.
- Деги бактың бар экен, күйөө балаң колуңду узартып, күң жумшап берди, кызың күйөөгө кетсе дагы жалгыз калбассың.
- Кудайга шүгүр, Насинин арты менен ушинтип жыргап калдым, бул болбосо кандай күндө калмак элем. Азадам өзү кетсе да мага эрмек кылып, ушу кызды таштап кеткенин айтсаң, - деп Кайрынса дагы шыпшына калат.
- Эми ушу кызыңды бир жерге тындырып алсаң анан ошол байкуш багат. Сенин да көрөөр күнүң бар экен, минтип Насиятты керимселдей керилтип өстүрүп койдуң, эми ошонун урмат-сыйын көр.
- Айтканыңар алланын кулагында болсун, ылайым чырагым бактылуу болсо экен, - деди эне улутуна.
- Баса, тиги кул-күңүңөрдүн эч кимиси жок бекен, каяктан алып келиптир? - деди Калемкаш деген коңшусу. - Тоняны көрүп жүргөндөй болом, бирок эстей албай койдум.
- Билбейм, сураганым жок, өздөрү турмуштан кыйналып жүрүшсө сурап, жүрөгүн оорутуп жүрөйүнбү?
- Аның ырас, азыр заман башка болуп калбадыбы, кимдин ким экенин билүү кыйын, адамдар да өзгөрдү капырай, - дешип кошуналар кобурашып калат. Эки күндөн кийин Кайрынса сыртта жүрсө үйү тушка машине келип, андан эки аял, эки эркек түштү. "Кулубек эшиктин алдына келчү эле, бул ким болуп кетти, ботом, жаман кемпир, жаш бала деп кызымды колумдан жулуп кетпегей эле", - деп камтама боло карап турса токтолуп эле калган адамдар өзүн көздөй басты. Түкшүмөлдөй албай карап калганда:
- Жакшысыздарбы? - деди улгайган эркеги башын ийкей, беркилери дагы баш ийкеп, ооздорун кыбыраткан болду.
- Жакшы-жакшы, келгиле…
- Келип калдык, Биймырзанын үйү ушул бекен?
- Ооба-ооба, тынчылык элеби, айланайын?
- Тынччылык эле, сиздин үйүңүзгө конокко келдик, эже, - деди бири күлө, - келген кишинин жай жообун сырттан сурачу эмес эле элибизде, ичкери киргизип, суусун жуткуруп, эс алгандан кийин сурачу эле…
- Аа-а, эсиме жара чыгып, унуткан турбайымбы, отуз жылдан бери чалымдын аты аталбай калган. Биймырзанын үйүбү десеңер ар кайсыны ойлоп кетпедимби, башка болду бекен деп, - Кайрынса уяла түшкөндөй бүкчүңдөп алдыга баштап кирди. - Киргиле, айланайындар.
- Рахмат, - дешип келгендер ичкери кирип, жайланышып отуруп калышты. Кайрынса Тоняга ишарат кылды эле, ал дасторконун жайып, чай алып келди. Насият өзүнүн бөлмөсүндө отурган. Ал мурункудай үйдө болгонунда кир жууп, үй ичин тазалабай калган, бардык ишти Тоня жасайт.
- Чайга карагыла, - деп Кайрынса өзү чай куюп, сунуп отурду.
- Биздин келген жайыбыз бул, эжеке, сизде кыз бар экен, бизде уул бар, анын үстүнө сөөк жаңыртты кылсакпы деген оюбуз бар, - деди жанагы улгайганы. Ал Тагай деген киши эле.
- Кызы бар үйгө келет дечи, сөөк жаңыртсак дегениңерге түшүнбөй турам, - деп кемпир отургандарды кыдырата карады.
- Тажигүл деген кайнежеңиз бар беле? - деп бири күлүп калды.
- Ооба-ооба, ал киши өткөндөн кийин балдар катышпай калды, менин жалгыз кызым бар эле, ал өлгөндө да кабар айттырсам келбеди…
- Эмесе Тажигүлдүн балдары эбак өтүп кеткен, мен улуу баласынын баласымын, тажеңе, биз анда жаш болдук, - деп ортодо отурган кырктардагы кара мурутчан жигит туруп келип, Кайрынса менен кайрадан учурашты. - Кечириңиз, биз дагы акыл айтаарыбыздан айрылып, четтеп калдык, менин атым Ташыбек.
- Болот, айланайын, өлүм адамды аздырып-тоздурат экен, картайдым, барып келейин дейм, карылыктан тушалып калдым, - деп Кайрынса Ташыбекти кучактап-өөп, көз жашы кылды. - Эжем байкуш көзүнүн тирүүсүндө келип-кетип турчу эле…
- Атам дагы оорудан каза болду, андан кийинки иниси эки жыл мурун өттү, андан жалгыз бала бар, шаарда депутат, шаарда болуп биздин жамандык-жакшылыгыбызга зорго келип кетет.
- Болсун, садага, ээ Наси, келчи, кызым, - Кайрынса ички бөлмөгө карай үн салды.
- Апа, эмне болду, апа? - деген Насият чыгып келип, отургандарды көрө башын ийкей учурашты. - Келиңиздер!
- Чоңойдуңбу, бөлөм? - деп Ташыбек аны менен учурашып отура кетти, эки аял бири-бирин карай шыбыраша калышты. - Тажеңе, бу кишилер менен сизди тааныштырып койойун, бул менин аялым Сайрагүл, бул болсо менин тагам, тиги отурган тагамдын кемпири.
- Жакшы, айланайын, келгениңер жакшы.
- Биз жөн келбедик, жөө да келбедик, баягы хан Жаныбек айткандай жол-жосунду да унутпадык. Канча жылдан бери катышпай калдык, жакындан таанышып, сүйлөшүп келели деп келдик. - Ташыбек ушинткенде аялы чоң баштыкты ачып, жаңы адеми пальто менен бир сыйра кийитти алып, пальтону Кайрынсанын үстүнө жапты.
- Тим койсоңор болмок, айланайын.
- Кантип? Чоң тагабыздын кемпири болсоңуз, жоголгон алтын сап бычактай сизди таап отурабыз, - деп Насиятка дагы бир сыйра кийит коюп, ордуларына отуруп калды. Ошондо гана Кайрынса Насиятка шыбырай сыртка чыгарды. Көп өтпөй босогодон койдун башын чыгара:
- Бата кылып коюңуздар? - деди Коля.
- Тим койсоңузчу, союш жей турган кез болот, - дешип бир ооздон айтканга Кайрынса болбоду.
- Оомийин, кудайымдын жолуна! - дешип алакан жая бата кылынгандан кийин эшик жабылып, сөз башталды. Буларды Айтбек келип жиберген эле, ал атасынан жооп угалбай, Насиятты таппай калып, жумушундагы паспортунун көчүрмөсүнөн жашаган жерин, фамилиясын билген. Анан чоң энесине келип айтканда ал дароо эле Биймырзанын атын угуп:
- Уулум, ал сага бөлө болот, чоң тагаңдын жээни болот, ден-соолугум болгондо өзүм эле барбайт белем? - деп кейип, кайнисин чакырып кеңешкен. Ошентип булар ток этер сөздү баштамак болду.
- Илгертеден улуу салт, кайтарылбас сөз бар, эже, биздин эки ишти бирдей алып келгенибиздин жөнү бар. Сизде жаркыраган жылдыздай кыз бар экен, бизде күмүш көкүл жигит бар, сөөк жаңырталы дегенибиздин жөнү, кайнежеңиз Тажигүлдүн кичүү уулунун небереси, алыстап кеттик деп кызыңызга кулдук уруп, куда түшүп келдик.
- Ээ айланайындар, кыз менен бала бири-бирин көрбөсө кандай болот? - Кайрынса жарга такалгандай кызы отурган бөлмөнү карады. - Сүйлөшүп жүрбөсө кийинкисине кандай болоор экен. "Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" деген сөз бар дечи…
- Бири-бирин билишет экен, депутат жээниңиздин тун уулу, шаардан жолугушуп көрүшсө керек.
- Капырай, кызым өзү чечсин, эгер өзү макул болсо менде эмне, ушунун бактылуу болгонун эле каалайм да.
- Туура айтасыз, бөлөк бөтөн эмес экенсиздер, "түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат" дегендей балдар бири-бирин жактырса болду да, - деди Сайрагүл сөзгө аралашып.
- Ооба десең, "өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт" деген го, эки бала бактылуу болсо болду, атасынын дүркүрөп турган убагы, кызыңыз бактылуу эле болот, - деди Ташыбектин тажеңеси Бегимжан, аны коштой күйөөсү Акматбек:
- Ортодогу сөз себеп гана болот, а балдар өздөрү чечишет, насип билет, - деди бакылдай. Ары-бери айтып отуруп, Кайрынса да кызынын үстүнө кирди. Ал эч нерсе укпагандай мелтиреп шыпты карап жаткан, ага чынында баары бир болчу, апасын кыйнабай ким болсо да, кандай неме болсо да кете бергиси келип, кайдыгер угуп отура берди.
- Кызым, сен сөздү угуп жатасыңбы?
- Уктум, апа, мен сиз эмне деп чечсеңиз ошого макулмун…
- Сен Айтбек дегенди таанычу белең?
- Эмне? - Насият жаткан ордунан ыргып турду. - Ал ким экен, апа?
- Ошол жибериптир, сенин таятаңдын жээндери болот, садага, эгер өзүңө жакса мен макулмун, сенин көзүңдүн жашын көргүм келбейт.
- Апа, ошол бекен депутаттын баласы?
- Ооба, кызым.
- Ал атам бизнесмен дебеди беле?
- Кайдан билдим, канча жылдан бери катташпай да калганбыз, Чалкарбек деген жээни ошондо апаңдан үч-төрт жаш улуу болчу, окуп жүрөт деген эле…
- Билбейм, апа, өзүң чеч, мен сени кейитким келбейт, - деди ойлуу Насият. - Сиздин гана күлүп турганыңыз керек.
- Садагам ай, сен мени, мен сени аяп жашап келе жатабыз, сенин бактылуу болушуңду гана тилейм, бала көөнүңө жаккан болсо, бири-бириңди билип жүрсөңөр мен каршы эмесмин.
- Өзүң бил, апа, ушунча адам келип турса сизге да кыйын, назарын сындырбаңыз, - дегенде Кайрынса небересин кучагына кысып, жүзүнөн өөп:
- Каралдым… - деп койду да, коноктордун үстүнө кирди. Ташыбек сыртка чыгып баратып:
- Айтбек келип калмак эле, мен күтүп алайын, - деди. Көп өтпөй Айтбекти ээрчитип кирди. - Таажеңе, бул Чалкарбек байкемдин тун уулу, - деп Кайрынсага караганда ал сылык учурашты:
- Саламатсызбы?
- Саламат, садага, жакшы келдиңби, ботом атаңдын эле өзү болгон турбайсыңбы?
- Мындан башка бир уул, бир кызы бар.
- Жакшы, садага, аман болушсун, төргө өтө гой.
- Ийи, - деп Айтбек кимдир бирөөнү издегендей эки жагын каранып отурду. Баарын угуп турган кыз жүрөгү ээлигип: "Демек Айтбек мени чындап сүйөт экен, эмнеге ата-энеси келбей башкалар келет", - деп уйгу-туйгу ойлорго берилип жата берди.
- Насиятты чакырып коюңуз эми, бир аз биз менен отурсун, экөө тең эле бөлөк-бөтөн эмес, - деди Ташыбек. Кайрынса Насиятты ээрчитип чыкты, ал апасынын ордуна отуруп, чай куюп жатканда куурдак келди. Андан кийин колго суу куюлуп, чара толо эт тартылды. Коля устуканды ар биринин алдына тарелка менен узатып болгондо Тоня кесмени алып келип чык куюп, беш бармакты ортого койду. Бакылдашып отуруп тамак ичилди, кеч да кирип жатаар мезгил болду. Акыры Кайрынсанын айтуусу боюнча Айтбек менен Насиятты сүйлөшүп көрсүн деген чечимге келишти да, түндөп жолго чыгышты. Ошондон баштап Айтбек машинасы менен келип калат, Насият аны анча жактырбаса да ою менен болуп мамилеси өзгөрбөдү. Бир күнү Айтбек:
- Наси, мен эртең шаарга кетем, атамдарга кеңешип, анан келип сени алып кетем, сен үйдөн чыкпай мени күткүн ээ? - деди кыздын бакырайган көздөрүнө тигиле. - Биздин түпкү аталарыбыз тууган болуп калганына кубанып турам, көрөсүң го атам аябай кубанат болуш керек?
- Макул, качан келесиң өзүң бил.
- Күтөм, сагынам деп койчу.
- Күтөм.
- Сагынасыңбы?
- Ооба.
- Сагынам дечи.
- Са-гы-на-ам, болдубу эми? - Насият күлө карады.
- Болду, ушул сөзүң менин шаарга кандай жеткенимди билгизбейт, - деп жөнөп кетти. Ал азыр ортодо кандай окуялар болуп кетээрин билбеди, учуп бараткандай унаасында кыңылдай кетип жатты. Дал ошол күнү кечке маал Кулубек Нуртилекке машинасын айдатып, келип калды. Кайрынса аларды коноктоп отурганда Кулубек:
- Сен камын, кызым, - деди туюк.
- Эмнеге?
- Иштер бар.
- Кандай иш?
- Барганда көрөсүң.
- Апам эмне дээр экен?
- Апама мен түшүндүрөм.
- Макул, - деп ичинен баргысы келбей турса да каршылык кыла албай жооп берди. Кайрынса унчукпай тим болду. Кулубек Коля менен Тонянын дагы эки айлык акысын берип, Насиятты алып түндөп шаарга кетти.
Кулубек Насиятты өзүнүн досу, бирге иштеген бизнесмендин баласына тааныштырып кудалашмак болуп, уулу менен келген, кызы Касиетке таарынып ушул күнгө чейин сүйлөшө элек. Эртеси эле конок каадасын жасап, Кумарбектерди күтүп калышты, баласы чет өлкөдө окучу, ал келгенде үйлөнтүп, анан жөнөтмөк. Кулубек аларды жөн гана конокко чакырып жаткан эле, "Насиятты көргөндө эле жактырат, мындай жакшы адамдарга туш болсо кор болбос", - деп кызынын келечегин ойлоп турду оюнда. Аңгыча коноктор да келди. Кумарбектин аялы Айчүрөк кирип келе жатып эле Насиятты көрүп:
- Бу досуң, Сейилкан өлөөрү менен эле жаш катын алып алган го? - деп күйөөсүн нукуй шыбырады.
- Койсоңчу, карындаш тууганыдыр да, жөн болчу.
- Койбой эле, мен дароо эле байкадым, - деп жасалгалуу дасторкон четине катар отурушту. Баласы Темирбектин эки көзү да кызда болуп жатты. Жалпы отургандан кийин Кулубек аларды карай:
- Кумарбек, менин сага айта турган кубанычтуу кабарым, жаңылыгым бар, - деп Насиятты караганда Айчүрөк:
- Көрдүңбү, үйлөнгөнүн айтат, - деп шыбырады эле, аны Кумарбек нукуп жөн отур деп койду.
- Таанышып койгула, менин кызым, - дегенде Айчүрөк оозун ачкан бойдон эмне дээрин билбей Насиятты бир, Кулубекти бир карап, өз оюнан уяла отуруп калды.
- Кандай дедиң? - Кумарбек досунан кайра сурады.
- Насият менин тун кызым, жакында гана билип, таенесинен ыраазылык алып келдим. Сен билесиң го Азаданы, ал мага айтпай коюптур да, - деди күлө.
- Чын эле Азадага окшош экен, кут болсун, досум, өзүңө алып жакшы кылыпсың, - Кумарбек ордунан туруп келип, Насиятты жүзүнөн өөп, - Көп жашап, бактылуу бол, кызым, бул сенин көрүндүгүң, - деп миң сомду сунганда Насият уялганынан кызарып кетти:
- Жо-ок, тим эле коюңуз.
- Болбойт, досум кызына жолугуп бактылуу болуп жатса анын кубанычын тең бөлүшпөсөм достугум кайсы? - деп күлүп калганда Айчүрөк дагы келип өөп:
- Кут болсун, Куке, кызың кут болсун, - деп кайра ордуна отуруп, жалдырап кыздан көзүн албай отурган уулун карады. Түнкү он эки-бирге чейин аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, анан үйүнө кетишти. Кулубек аларды узатып кайра кирип келе жатып: "Буйруса, иш жайында, булар эртең эле мага келишет", - деп алды. Насият Кулубек көрсөткөн бөлмөгө жатып алып, "Эркектин сулуусу экен, окумуштуу болсо керек, чет өлкөдө окуса маданияттуу, ой-чабыты кең чыгаар", - деп Темирбекти оюнан чыгара албай жатты. Ошондон эки күн өтпөй Кумарбектер чындап эле сөйкө салмак болуп, Кулубек менен телефон аркылуу сүйлөшүп коюшту. Бул кезде Айтбек барып Насиятты таппай калган. Чалкарбек уулунун айтканына макул болуп, шаардан жаңыча жол-жосунун жасап, үйлөнтмөк болгон эле. Камынып коюшкан. Кайрынса Кулубектин атын айткан менен дарегин айта албады, анткени билбейт болчу. Айтбек кайра шаарга келип:
- Ата, Кулубек дегенди тааныйсызбы? - деди шаша.
- Эмне болду?
- Кыздын атасы ошол экен, шаарга алып баса бериптир!
- Мен тааныган Кулубек болсо, жарасы жеңил, бирок дүйнөдө аты уйкаштар көп эмеспи, уулум.
- Бизнесменби?
- Ооба.
- Анда ошол, ата, ал кызын башкага берип ийбесин?
- Кыздын сенде көңүлү болсо эч жакка кетпейт.
- Болбой берип койсочу?
- Ашыкпа, буйруганын көрөсүң, - деп телефонун бурады.
- Ата.
- Эмне болуп кетти, шашпа сүйлөшөйүн, - деп трубканы тыңшап туруп, - Алло, Кулубексиңби? - деди. - Аа-а кандай, Куке, ооба эстебей анан, биз эмне бөлөк-бөтөн белек, баса менин тагамдын жээни сенин кызың турбайбы ээ? Ошо, сенин дайныңды угуп чалып жатам, Азаданын күйөөгө чыкканын укканым менен сен экениңди уккан жок элем, бир тууган тагамдын кызы болчу байкуш. Куке, жолугуп сүйлөшчү сөз бар, макул-макул мен барам азыр, - деп трубканы койду да, кабинетинен чыкты. Көп өтпөй эле Чалкарбек менен бет маңдай отурду.
- Кулак сенде, Чаке, мынчалык кайрылчу эмес элең?
- Эмнеге, сен экөөбүз көңүлү түз адамдарданбыз. Айтсам мындай, сенин кызыңды менин уулум жактырып калып үйгө барып апасы менен макулдашып коюшкан экен. Биз дагы даярданып койгонбуз, чынында анын атасы сен экениңди биз билген эмеспиз, уулум бүгүн угуп келиптир.
- Чаке, Насияттын кудалаган жери бар, кечигип калдыңар, эки күндөн кийин алып кетишет, той өтөөрү менен Америкага кетет. Айтбектей жигитке кыздан көп неме жок, мени кечир.
- Насият дейсиңби? - Чалкарбек суроолуу тигилди.
- Ооба, мен дагы даярдык көрүшүм керек эле, сени келет деп токтоп калдым, андан көрө тойго келгиле.
- Токто-токто, гезитте иштеп жүрдү беле?
- Ооба.
- Ошол кыз сенин кызың экен да, ай иттики десе, катышпасаң бир туугандан жат болосуң деген ырас тура. Мен анда Насиятты көрүпмүн, Азадага окшош ээ, бирөөгө окшоштуруп анан кимге экенин биле албай койгом.
- Ошондой, окууга киргизейин десем ооруп калды, анан келерки жылы окутайын деп жаткам. Кумарбекти билесиң да, ошол келин кылып алганы турат.
- Куке, "жакшыны жатка чыгарба" дегендей, мурда билгенимде өзүм келин кылып алмак экенмин, бирок илгертеден кыз ала качкандыкы да, Айтбек экөө бири-бирин билет экен, - деп Кулубекти карап күлмүңдөй ордунан турду. - "Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту" дейт го?
- Жо-ок, Чаке, жакшы ниетиң болсо кызымды жайына койгула эми, бактылуу болсун, чакыруу белеттери дайындалып жатат, - деди Кулубек анын сөзүн уккусу келбегендей, экөө кабинеттен ээрчише чыгышты. Чалкарбек ошенткен менен: "Ит боло жаздаган экенмин да, укум-тукумга доо кетирип ала жаздапмын, кудай сактаптыр. Бийкеден да кабар ала элекмин, кой андан кабар алайын, Насият деп андан айрылып кала жаздадым", - деп ойлуу сыртка чыккандан кийин:
- Куке, бир кебимди кулагыңа илбедиң, макул эми бактылуу болсун, бирок уулумду кантем, ал ансыз жашабайм деп чатак кылып жатат, - деди токтой калып.
- Насиптен, Чаке, пендебиз да, башка келгенин көтөрүүгө жаралганбыз. Мен илгери Азаданы өзүм сүйүп алганмын, эмне болду, кызыбыз ортодо жыйырма беш жыл ата-энесиз, бир кары кемпирдин колунда өстү. Андан көрө уулуңа айт, өзү сүйгөн менен кыз сүйбөсө кыйын, кой эмесе жакшы… - деп жөнөп кетти. Үйүнө келип эле Насиятты сурады, ал өз бөлмөсүндө экен, Кулубек кирип келгенде тура калды:
- Келдиңизби, ата?
- Ооба, кызым, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деп диванга отургузуп, өзү жанына отурду.
- Кандай сөз?
- Сен Айтбек менен сүйлөшүп жүрдүң беле, кызым, бул жерде сенин тагдырың чечилип жатат, тартынбай эле айта бер, апаң болбогондон кийин мени менен кеңешишиң керек.
- Ата, мен аны кокусунан таанып калгам, бирок ага көңүлүм деле жок, үйгө барышыптыр. Апамды өзүң бил дегем, анткени апамды кейитким келбеди.
- Деги мага нааразы эмессиңби?
- Жок-жок, эмнеге, сизге абдан ыраазымын.
- Темирбек эртең келип сөйкө салып эле алып кеткени жатат, көңүлүң болбосо мага түз айта бер, кызым, мага сенин бактылуу болушуң керек.
- Сиздин эркиңиз.
- Болду анда, эртең келишет, кызым, бир жумадан кийин үйлөнүү тоюңар болот, мен эртең апаңды алдырып келейин ээ?
- Макул.
- Анда эс ала бер, зериккен жоксуңбу?
- Жок.
- Жакшы жат, - деп Кулубек көөнү тына чыгып кетти. Эртеси эрте Касиет да келди, ал Насият менен жакшы учурашып, уулун карматты:
- Мен жардам берейин, сиз баланы алып туруңуз.
- Макул, - Насият унчукпай балтыр бешик баланы көтөрүп үй ичинде ары-бери басып жүрдү эле, Темирбек келип, аны чакырып алды. Баланы Касиетке берип, сыртка чыкканда ал:
- Кандайсың? - деп кол узатты.
- Жакшы.
- Насият.
- Ийи.
- Эртең буйруса жаңы турмуш босогосун аттаганы турабыз, менде көңүлүң барбы же жокпу билейин дедим эле…
- Муну бул ишти баштай электе сураш керек эле…
- Кечир.
- Кайсы күнөөңүз үчүн? - Насият күлө карады.
- Өзүм жактырсам эле мени да жактырат деп ойлогон үчүн, болбосо бир жолугуп сурасам болот эле, ата-энем сөздү бүтүрүп жатабыз десе унчукпай калганымды кара, - Темирбек да күлүп калды.
- Өкүнүп калам деп ойлобойсузбу?
- Эмнеге?
- Капыстан көргөн кызга үйлөнүп алганыңызга.
- Жок, тескерисинче сен өкүнбөсөң болгону.
- Балким, ойлонууга мүмкүнчүлүк керек эле.
- Мен шашылыш кийинки жумада кетишим керек, ошондуктан ата-энем үйлөнүп, келинчегиңди ала кет деп эле…
- Өз чечимиңиз менен иш кыла албайсызбы?
- Мен тун баласымын, ошондуктан биринчи келинди өзүбүз тандайбыз дешип жатат.
- Жүрөк каалоосу кантээр экен?
- Чынында мен сени бир көрүп жактырып калгам.
- Ыраспы?
- Чыным.
- Башканын туйгусун ойлогон жоксузбу?
- Кечир, Насият, мен сени капа кылып алдым окшойт.
- Эчтеке эмес.
- Кандай жигиттер жагат?
- Ойлоно элекмин.
- Ушуга чейинби?
- Ооба, анткени мага сүйүү келе элек көрүнөт.
- Койчу, сага далай жигит ашык болгондур…
- Болсо болгондур, мен эч кимди сүйө элекмин.
- Мени жок дегенде жактырдыңбы?
- Анча-мынча.
- Ошонуң да жетет, Насият эртең келейин, дүкөн кыдырып келели.
- Билбейм.
- Макул деп койчу эми.
- Атам эмне дейт?
- Ал кишини мен билем, анын үстүнө сен менин колуктумсуң да, тартынбашың керек, - деп Темирбек кызды колунан карай көздөрүнө тике карады. - Менин сүйүүмдү кабыл аласыңбы, Насият?
- Азырынча жок!
- Суранам, сүйүүмдү кабыл ал, кеч болсо да сүйүүмдү билдирем, чын жүрөктөн сүйүүмдү сунам, түбөлүк өзүңө өзүмдүн тагдырымды тартуулайын, кабыл алышыңды сурайм! - деп колун өөп, тизеледи, Кулубектин машинасы жолдон бурула бергенде тура калды. Насият жүгүрүп үйгө кирип кетти. Бул Нуртилек болчу, Кайрынсаны алып келген. Кайрынса Нуртилекке үндөбөй келе берип кирээри менен Насиятты колдон ала ары алып барып:
- Кызым, бул эмне кылганың, тигилер той түшүрмөк болуп издеп жатат, сен кенебей биякка дагы макулдугуңду бергениң эмнең? Өз тагдырыңа ошончо кайдыгер болгонуң жакшыбы? - деп күйүп-бышып кирди.
- Апа, мени кечир, Айтбекти сүйгөн эмесмин, Темирбек мага жагат, сизди гана аяп макул болгомун, - деп Насият ыйлап ийгенде Кайрынса аны кучактап бооруна кыса калды:
- Көлөкөм десе, мен сени капалантпай өлөйүн, сенин бактың үчүн күйүп-бышып жатпайынбы, кой ыйлаба, садага. Мен куруюн, мен куруюн, сенин көз жашыңды көрбөй өлөйүн деп жүрбөйүмбү? - деп өзүнүн да мууну бошой түштү.
- Апаке, мага капа болбочу, мен Темирбек менен бактылуу болоорума ишенем, үйлөнөөрү менен Америкага кетебиз деп жатат, көңүлүң жай болсунчу, апаке.
- Мейли, каралдым, өзүңө жакса болду, - деп экөө сүйлөшүп турганда Кулубек келип калды:
- Апа, келдиңизби, жүрүңүз ичкериге, - деди колун жаңсай. Ээрчише кирип үстөлгө отурушту.
Кулубектин үйүн жасалгалап, үстөлдөрдү катар-катар коюп, үстүн дүрдүйүм тамакка толтуруп, конок күтүп калышты. Он чакты болуп Кумарбектер келди, Темирбек күйөө жолдош болчу досу менен. Насиятка сөйкө салуу ырасымы болгондон кийин тамакка отурушту. Кайрынса Темирбекти көрүп жактырды, маңдайы жарык оор басырыктуу жигит анын көңүлүнө толду: "Мейли, каралдыма ылайык тура, окшошкон чымчыктай болуп жарашып калганын кара, бактылуу болушсун садагаларым, жаман көпөлөгүмдүн көз жашын көрбөсөм эле болду", - деп ойлонуп, кубанып отурду. Түнү менен шарактап отурушуп, эртең менен кызды кызыл-тазыл тасмалар менен кооздолгон унаага салып узап кетишти. Насият менен бирге Кулубектин инисинин аялы кетти. Кайрынса алар кеткенден кийин кетмек болду эле, ал күнү Кулубек кетирбей коноктоп, базарлык менен кешикти мол салып, бир сыйра кийинтип өзү жеткирип келди. Кайрынса келээри менен эле коңшулары тосуп калды.
- Келдиңби, Насиятты күйөөгө берип келдиңби, кандай жерге барды?
- Унчукпай жүрүп гана билбегениң жок ай, чоңдун баласына чыкты дейби, ыя?
- Баса депутаттын баласын чанып койгон имиш го? - дешип жабалактап калышты.
- Ооба-ооба, кызым каалаганына чыкты, айланайындар, эмки жумада үйлөнүү тою болот. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, чүрпөмдүн бактысын көрүп өзүмдү бактылуудай сезип калдым. Жүргүлө эми, кешик ооз тийгиле.
- Насияттын тоюнан ооз тийели, айылдын канча балдары тамшанган бойдон калды, - дешип үйгө толуп отуруп калышты.
- Деги жакшы жерге бардыбы? - деди сексендерге барып калган Убайда кемпир.
- Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эже, жакшы жерге кетти, кызымдын жүзүнөн нур чачырап бактылуу күлгөнү көз алдымда турат. Эмки жумада үйлөнүү тоюн өткөрүп эле Америкага кетишет экен, күйөө бала чет элде окуйт имиш.
- Ошондой эле болсун, ошол тырмактай кыз үчүн не күндү көрбөдүң, тилегиңди кабылдаган экен кудайым.
- Насият башы оор кыз, акыл-эстүү, Кайрынсанын айтканынан чыккан жок.
- Ооба десең, баладай болуп көчөгө чыккан жок, ойноп да кетчү эмес, - дешип Кайрынсанын дасторконго койгондорун шыпкай жеп, шыпшына кеп кылып, таттууларын кагазга ороп, жолдоруна түшүштү.
- Эже, Насиятты узаттыңызбы? - деди эл кеткенден кийин Тоня.
- Ооба, узатып келдим, анын кеткенин ойлогондо ичим ачышып, бир капталым эңшерилип турам, эмнеси болсо да аман болуп, жакшылык жылоолоп, бактылуу жашаса болду.
- Тилегиңизди кудай кабыл кылсын, эже, Насият жакшы кыз, акыл-эстүү, түшүнүктүү, бак берсин.
- Айтканың кудайдын кулагында болсун, айланайын, силер болбосоңор мен эмне болот элем, Кулубекке ыраазымын, - деп Кулубек кийгизген кийимдерин алып чыгып көрсөттү. Анын арасында оролгон кагазды көрсөтпөй катып койду, ал атайын салып койгон он миң сом эле. Акча экенин билип катып койду. "Тоюна бирдеме алып барсын деген экен байкуш, Насиятыма арналгандарым бар экенин кайдан билсин, картаң бечара кемпир дегени го", - деп ойлонуп алды. Кеч кирип келе жатканда Коля, Тоня болушуп, эне-баладай бир дасторкондо тамактанып отурганда машина келип токтоду.
- Ким экен карачы.
- Азыр, - Коля чыга калды. Алар Ташыбектер болчу, аялы менен Айтбек болуп кирип келишти.
- Таажеңе, небереңиз келдиби? - деди учурашпай эле.
- Жок, келмек турсун биротоло кетти, атасы аны Америкасына жөнөтүп ийди, - деди жер карай Кайрынса, - Кел отургула, даам таткыла.
- Сизге ишендик, тырмактайынан багып, өстүрүп алып атасына бийлик бергениңизге жол болсун?
- Мен кары адаммын, ошол кыз мен өлүп калсам жападан жалгыз таянаары жок калбайбы, келечегин ойлодум. Атасы бир туугандары менен жалгыздыктын азабын тартпасын дедим, эч кимиси жок калуу кандай экенин мен жакшы билем. Азада өлгөндө бармактай бала менен кала бердим, ким мага жардам берип каралашып койду? Көз жашымды төгүп жыйырма жыл өткөрдүм, караганым жалгыз ушул кыз болду, дагы пенсиям бар, тагаңдан калган малдын жугунун арты менен жашадык….
- Кечир, таажеңе, ал го ырас, бирок кызды бизге берсең да жаман болбойт эле го?
- Өзү ошол жолду тандап алды, мен ага каршы болууга аргасызмын, алсызмын, өз тагдырын тандоого укугу бар. - Кайрынса Айтбекти карады. - Балам, сен аны жактырган менен ал сага бир жолу өз оюн айтты беле?
- Мен аны сүйөм!
- Бир сенин сүйүүң кайсыны чечет, садага, кызымды кыйнаба, эми ал Америкадан окуйт, тынчын алба, кагылайын, - деди да, унчукпай калды. Эч кимиси кемпирге сөз кайрып, унчуга алган жок. Үнсүз тамактан соң Ташыбек дасторконго бата кылып кетүүгө камынды:
- Бизге капа болбоңуз, таажеңе, кызды бизге берсеңиз арабыз жакындап калмак. Сиз бир нерсени эстебей калдыңыз, сизди капаланткым келбейт, бирок бизди жээн дейт, эли-журтубуз башка, жакындатып турган энебиз эбак арабыздан кеткен, кош болуңуз! - деп өйдө туруп, сыртты көздөй чыгып жөнөгөндө Айтбектер артынан чыкты. Кайрынса үндөгөн жок, көз жашын төгүп отура берди:
- Эбак силерди унутканмын, жалгызым таштап кеткенде да алакан жайып бата кылган эмессиңер, өлөөрүмдө чымчыктай чыркыратып көпөлөгүмдү өзүнө жакпаган жигитке берип, көрүмдө кантип тынч жатам, эрте эле жалгыз калган жанмын, - деп солкулдап турду алсыз кары.
- Эжеке, мынчалык кейибеңизчи, ооруп каласыз, - деп Тоня аны сооротуп, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылды. - Сиз эрктүү аялсыз, каралашкан эч кимиси жок, өзүңүз айткандай бармактай баланы багып чоңойткон аялдын эрки күчтүү эмеспи, эми минтип кызыңыз жаңы эле турмуш босогосун аттап отурат.
- Тоня, сен тигил төшөктөрдү чачып эң алдындагы жаңы жууркан төшөктөрдү алып, ала кийиз менен шырдактарды эртең күнгө жайып койчу. Килемди базардан сатып ала койойун, анан дагы сени менен сүйлөшөм, эми мага орун салып бер, эс алайын.
- Макул, эжеке, - деп Тоня шыпылдай үйдү жыйнап арыдан-бери шыпырып тазалады да, орун салып берип жаткырып коюп, өз ишин жасап жатты. Күз болуп калган, Коля сырттагы жандыктарды киргизип, короону тазалап, кеч киргенде бөлмөсүнө кирди.
- Тоня, бу кемпирдин жанында канчага жүрөбүз?
- Кайда бармак элек анан?
- Эптеп жашоо өткөрүп жүрө бергенден тажадым, үй-жай күтүп жашасак боло адамча.
- Ал үчүн жылдап алган акыбыз да жетпес, мына жаткан жерибиз бекер, тамак-ашыбыз ойдогудай, аракет кылсак болоор…
- Балким сен балдарыңдан үмүт кылып жүргөндүрсүң?
- Кайдан, алар мени кечирбейт, Коля, андан көрө чыда, бир-эки жыл чогултсак бирдеме болоор..
- Ишенсең тажап баратам.
- Андай дебе, жасаган ишибиздин акысын алып жатабыз, малды баксак этин өз малыбыздай эле жеп-ичип жатабыз. - Тоня күйөөсүнө жини келгендей сүйлөдү. - Шаарда талаалап жүргөнүбүз эсиңден чыктыбы, муздак, тоңгон таштандыдан эптеп бөтөлкө менен бирге ыргыткан нан таап жеген күндөрүбүз.
- Эстен чыкмак кайда, ошентсе дагы өзүңчө үй күтүп жашаганга не жетсин, - деп күңкүлдөдү Коля.
- Макул, бул жерден кетели, сен таба аласыңбы, иштеп тапканыңды жеп-ичкенге да жеткире албайбыз. Мен кайрадан ысык-суукта таштанды челектерди кыдырып жүргүм келбейт, өлсөм да жылуу үйдө кардым ток өлөйүн, кийген кийимибиз таза, дагы эмне керек? - деп терс бурулуп жатып алды.
- Койчу эми, таарынба мага, мен сага башканы айтайын дегенмин, - деп шыбырай сүйлөдү. - Бул кемпирде байлык бар го дейм, алып качып кетсекпи деп ойлогом, экөөбүздү кайдан тапмак эле?
- Сен жинди болдуңбу, эмеле таап түрмөгө отургузуп койсо мындан жаман азапта калабыз, түрмөнүн бетин ары кылсын.
- Болду эми, угуп калат, бул кемпирдин кулагы чалса түндөп кууп чыгат, - деп аялын кучактап жатып калды.
- Экинчи мындай сөзүңдү укпайын, ак эмгек менен тапкан тамакты жеп жашап турсак бир жыйынтык болуп калаар… Ошол бойдон уктап калышты, шаарда тантанды терип жүргөндө тапканына ичип алып, кай жерде ылымта болсо ошо жерге баш калкалап жүрө беришчү. Оңой оокат Коляны эсиртип бараткандай. Кайрынса ал экөөнүн тең кийим-кечесин оңдоп койгон. Тез-тез жууп кийишип, өздөрү билип эле жашап калышкан. Бул учурда Кайрынса жүрөгү ооруп өзүнчө ойлонуп бир чечимге келген эле. Ал Насияттын турмушка чыгып кеткенине кабыргасы кайышып турса да, "Кыз баланын өзү менен өзү болгону жакшы, Насиятым буйруса жакшы жерге туш болду, кокус көзүм өтсө үй ээн калат, ошол үчүн бу бечараларга табыштап кетейин. Ким талашмак эле, кызга арналган жаңы буюмдарды берип, калганын таштап койом, очогубуздан от өчпөй, үй ээн калбай адам пааналап турганы жакшы эмеспи", - деп Тоня менен сүйлөшмөк болгон.
Эртеси Тоня эрте туруп, үй-жайды, бүт чыгарып экөөлөп актап, тазалап кечке маал киргизмек болгондо Кайрынса жаңыларын бөлдүрүп койду. Сандыгын ачып керектүүсүн алды, калганын кулпулап коюп, Тоняны жанына чакырды.
- Сен мени жакшылап ук, мен сени жакшы тааныйм, сен деле билмексен болуп жүрөсүң. Иним тирүү болгондо келип-кетип турчу эле, сенин жездең Кубат…
- Эмне дейсиз, Кубат жездем өлдү беле?
- Канча жыл болду, ооруп өлдү байкушум, Азададан кийин өлдү, эми сага айтаарым күйөөңө билгизбе, негедир анын түрү жакпайт. Бул үйдү сага таштайм, кокус көзүм өтүп кетсе сен ээ болуп каласың, Насияттын буюмдарын берем, калган буюмду кааласаң урун, каалабасаң ушу баштан өрттөп сал, кыскасы сен ээлик болуп өзүң көздө.
- Эжекебей, кандай ишенип, кантип ыраазылык кылаарымды да билбей турам. Ата-энемдин арбагы кечиргис күнөө кылып, эримди өлтүргөмүн, бир туугандарыма баруудан качып минтип жүрөм, - Тоня ыйлап жатты.
- Кой, өткөндү эстеп өзүңдү бошотпо, тагдырыңдан качып кутула албайсың да, менин айтканымды Коляга билдирбе, кийинки күндөрү аныңдын көз карашы башкача сезилет, - деди Кайрынса ойлуу. Бул кезде Коля мал сугарып кеткен эле. Анын карааны көрүнгөндө Тоня туруп өз иши менен алек болуп калды. Кайрынса бир аз эс ала түштү, бир оор иштен кутулгандай болду. Анан бир күнү өзү айыл өкмөтүнө барып, өз колу менен Тонянын наамына үйүмдү калтырам деген арыз жазып таштап койду. Аңгыча Насияттын тоюна барып келди, өз колунан чыккан буюмдарын берип, Америкага узатып коюп келди. Карынын мерти тая түштү, ал өзүнүн небересине дем байлап жашап жүргөнүн сезди. Арадан бир жыл өткөндө Кулубек келип неберелүү болгонун сүйүнчүлөдү, ал өз сөзүнө туруп Коляларга акысын төлөп атты. Өзүнүн кылганын арбактан күнөөмдү кечир деп өтүнгөнүм деп билди. Экинчи жылы Кайрынсанын кубанычы койнуна батпай сүйүнүп жүрдү, анткени Насият уулу, күйөөсү болуп келээрин айтып ийиптир. Күтүүдөн чарчап эки көзү төрт болуп жүргөндө алар келип маңдайы жарыла сүйүнүп, кыбырасы менен көрүшүп, Насиятты моокуму кангыча жыттап:
- Каралдым менин, эч жериң оорубай жакшы жүрөсүңбү? - деп ыйлап турду.
- Апа, мына көрүп турасыз го, жакшы жүрөм, Альберт менен сүйлөшчү, апа, - деп күлүп калды Насият.
- Кана, уулум, атың ким?
- Мама-а, - деп бир жаштан өткөн Альберт чоочуркап ыйлап ийди. Ошенттип эки-үч күн туруп эле кетмек болду алар. Эненин жүрөгү зырп этип алды, "Каралдым, аман болсоң болду", - деп купуя айтып, сыртынан күлө карап узатып кала берди.
Чалкарбек уулунун күйүтүн көрүп, аны бир мекеменин башчысы Абдылдабек деген таанышынын кызына үйлөнтмөк болуп, аялы экөө алардын үйүнө барышты. Айтбек ага чейин кандай кызды көрсөтсө да карабай ичип кеткен, ата-энесин такыр укпай калган болчу. Абдылдабектин кызы Тинатинди көргөндө көңүлү ачыла түштү. Ал сулуу, узун бойлуу, чачы согончогуна жеткен жакшына кыз эле. Чалкарбек уулун тез аранын ичинде үйлөнтүүнү чечип, сөйкө салуу вазийпасын ресторандан өткөрдү. Мен деген чоңдор, тели-теңтуштары болду. Айтбек кызга тартылып, атасына каршылык кылбай макулдугун берди, көп өтпөй үйлөнүү тою өттү. Насиятты сүйүп калганынан улам аны издеп Америкага барууну да ойлогон эле. Бирок минтип анын дагы тагдыры айдай сулуу кызга байланды. Тинатин мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн. Көңүлү тынган Чалкарбек Бийкенин үйүнө келди, ал аны жолотпой: "Достукту бошотпосоң менин ушул үйдөн өлүгүм чыгат, сени сотко берем, ал күнөөлүү эмес", - деп жүрүп бошоттуруп, аргасыз Чалкарбектин эрки менен болуп жашап калган эле. Кийин депутат ага ишенбей кулпулап коюп жүрдү, күндө түн бир оокумда кетет же түнкү он экиден кийин келет. Анын бул кылыгы Бийкени аңдып, шек билинеби деген арам ою болчу. Ошондой күндөрдүн биринде Бийке боюна болуп калганын билди. Айтпай коюга болбосун билип, Чалкарбек келгенде:
- Менин боюмда бар, - деди ары караган бойдон.
- Калпыңды койчу, үч жылдан бери болбогон эми болмок беле?
- Ишен-ишенбе, мен каалаган эмесмин.
- Эмнеге?
- Сага баланын эмне кереги бар, балдарың турбайбы, токолдон туулган деген сөзгө кемсинип жүрүшүн каалабайм.
- Ким айтат? - Кытмырлана күлүп, артынан келип кучактап калды. - Өзүмдүн эле балам болот.
- Ошого кудуретиң жетеби, мына жаштыгымды, сулуулугумду төрт дубалдын ортосунда өткөрдүң, араңдан зорго төрөгөндө кимге кор кылам. Сенин балдарың баары бир аны кабыл албайт, эгер сен атыңды бере албасаң ушул баштан башыма азаттык бер, суранам.
- Бийке, акылга кел, мен өз баламдын өзүмдөн алыс өсүшүн каалабайм, сөзсүз атымды берем, - деп жаш токолун эркелетип жатты. Бийке аны көргүсү да келбейт, Достуктан айрылгандан бери бир бөлмөдө жатып ыйлап, кайра сооронуп тиргилиги менен алаксып кетет. Чалкарбек аялынын кем-карчын толуктап, акча-тыйын берип койот да, жумуштары көптүгүн шылтоолоп кетип калат. Жинденген Айымбү булкулдап кала берет, бирок эч нерсе дей албайт. Бир күнү келгенде дароо эле ага алкынып кирди:
- Сен жанталашып кызмат үчүн жүгүрөсүң, абройлуу, кадыр-барктуу болуп алып көрүнгөн кыз-келиндер менен жүрүп мени унута турган болдуң, мен сага деги киммин, токолуңду койо бересиңби же өзүм барып үйдөн кубалап чыгайынбы?
- Айым, сен мени түшүнчү, мен кызматка умтулсам тапканым силер үчүн, эмнеден кемсиң айтчы, үстүңдө үйүң, астыңда оокатың, бассаң-турсаң депутаттын аялы деген урмат-сыйды көрөсүң, же жалган айтамбы? - деп жумшак карады. - Эсиңе кел да, оокатыңды кыл!
- Балдарды кана кыйбайм, айтуудан тартынам, болбосо ушул жерде бир мүнөт турбас элем. Мен дагы жашымда сулуу болгомун, эч нерсеге карабай мени алгансың. Жылдар өтүп мен улгая баштаганда, капчыгыңдагы акчаңа жалаң жаш кыздарды имерип, мени көмүскөдө калтырдың. Ата-энемдин көзүнчө өзүмдү бактылуу көрсөтүүгө аракет кылам, тели-теңтуштарымдын көзүнчө басынып, жолугуудан качып жалгыздап үйдөн чыкпай көз жашымды төгүп отурам, убалым кимге?! - деп үнүн пас чыгара муунуп, жашын жутуп алды. - Ошол кыздардын тагдырын талкалап, балдарыңдай кыздар менен жүрөсүң, алардын көз жашынын, келечегинин убал-сообучу!
- Болду, көп сүйлөбөй ишиңди кыл! - деп ороңдоп коюп күйөөсү чыгып кеткенде Айымбү диванга кыйшайып жатып көпкө буркурап ыйлады. Бир кезде эшик ачылып, бирөө киргендей болду. Айымбү тура калып, көз жашын аарчып, кайра уктамыш болуп жатып алды.
- Айымбү барсыңбы? - деген үн чыкканда жүрөгү солк этип алды, тааныш үн өзүнүн жакшы көргөн курбусунуку болчу. - Айым, барсыңбы?
- Аа-а, Кундуз, кайдан жүрөсүң? - деп ордунан турду. - Жатып, уктап кеткен турбайымбы?
- Кандай жатасыңар, балдар чоңоюп жатабы? - Кундуз Айымбү менен өбүшүп учурашып жанына отура кетти.
- Жакшы, өзүңөр кандай жатасыңар?
- Баары жакшы, досум, мен атайын силерге келгем, азыр сырттагы буюмдарды алып кел дейинчи, - деп кайра сыртка чыгып кеткенде Айымбү чачын оңдоп көздөрүнүн шишигенин көрүп өзүн ирээтке келтире күзгүгө каранып атып, "Эмнеге келди экен, Чалкарбекке жумушу чыкканда келчү эле", - деп ойлоп сыртка чыкса Кундуз мүшөк, чанач менен бир койду жетелетип келип байлатып атыптыр.
- Ушуларды ооз тийсин деп алып келгемин, жаңы кымыз менен жаңы сүзмө, сары май, мында чучуктар бар, муздаткычка салып кой, досум, "кардың ачса карындаш ула" дегенди билесиң да, - деп шакылдай чоң сумканы көтөрүп киргизди. - Балдар жок беле?
- Экөө мектепте эмеспи, бири быйыл окууну бүтөт, кызым болсо алтынчы класста.
- Ошондой, Айтбекти үйлөнттү деп уктук, айтып койбодуңар, кеч угуп калдык.
- Ооба, Айтбек үйлөндү, экөө али жашыраак, - деп Кундуздун баштыгын кармаша үйгө киргизип, ашкана жакка алып барды.
- Ой сендей депутаттын аялдары колун сууга малбай кызматчы жалдап алышат, сен бир айкөл аялсың да, качан келсем өзүң эле отурасың.
- Кызматчыны эмне кылам, Кундуз, кудай өзүмө кубат берсе баарына жетишем, - деп Айымбү күлүп койду. - Андай манчыркоону жаман көрөм, буларды эмнеге алып келдиң, тимеле келип Чакең менен сүйлөшө бербейт белең?
- "Кур аякка бата жүрбөйт" дешет го, аяшың буларды сен үчүн берип жиберди, биздин экинчи уулубуз мектепти бүтүп жатат, ошону окутсакпы дегенбиз. Чакемдин азыр айтканы айткан болуп турган кезде уулубузду силерге тапшыралы дегенбиз ай.
- Жакшы, балдардын келечеги үчүн кам көрбөсөк болбойт, Чакең биздин уулубузду Лондонго жөнөткөнү жатат. Айтбек окубай койду, атасынын арты менен канчага жашайт билбейм, ишкана ачып берген, ошону менен алектенип жүрөт. - Эки курбу көпкө чейин кобурашты. Айымбү тамак жасады, экөө отуруп алып, импорт шараптан алып, сырдашып жатышты.
- Айым, сага бир сыр айтайын, - деди Кундуз. - Бул жашоодо өзүңдү карабасаң башкалар сени басынтып кеткиси келет экен. Улукбек болсо мал доктур эмеспи, ишин шылтоо кылып эле кеч келет, келбей калат, кийинки күндөрү ортобуз алыстап, сууп бараткандайбыз. Анан жиним келип мен дагы бирөөнү таап алгамын, бүгүн ошону менен келдим. Жанында бир сымбаттуу жигит бар, ал сага жагат, качанкыга Чакеңди карап жүрүп өмүрүңдү өткөрөт элең, жүр ай бүгүн бир көңүл ачалы.
- Чакең келип калсачы?
- Келсе мени менен келген инилерим деп койом, алар азыр дүкөндөн бирдеме алып келгени кетишти.
- Корком ай, ушунча жыл жашап дегеле ала жипти аттап көргөн эмесмин. - Айымбү көңүлдөнүп турса да жүрөксүгөнүн ачык айтты. - Мен ошого бараламбы?
- Жинди экенсиң, жөн эле отурабыз, жактырышып калсаңар убакытты таап, эс албай жаныбыз жокпу?
- Өлүп кетсинчи бир көрөйүн, - деди Айымбү бир аз ичкен шараптан эки бети албыра.
- Ошондой десең, же эмне так, таза жүрүп, Чалкарбекке тийген окту аттап түшүргүң барбы?
- Болду эми, мен бирөөгө чалайынчы, - деп Айымбү телефонго басып барды.
- Кимге?
- Кээде келип жумушумду жасачулар бар эле, ошолорду чакырып койойун.
- Ой аз-замат десе, мына эми оңолдуң, кээ-кээде эмес эле биротоло жумшап ал да, - Кундуз аны кубаттып койду.
- Курбум, Чакеңдин кылыктарын сен билбейсиң, анын токолу бар, эгер төрөсө ага никеге турам деп жүрөт. - Айымбү эми чечилип сырын айтып кирди. - Үч жылдан өттү.
- Балдар билеби?
- Билет урушуп-талашкандан пайда чыкпады, ал жеңди. Ошону үчүн Айтбек үйлөнө электе эле өзүнчө үй алып бөлүнүп алган.
- Мына көрдүңбү, "эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен" деген ошол да, анан да өзүңдү кармап келесиң, эркектерге жакшылык жок. Мен туура бир жумага келдим, Сакем байкуш мени атайын ала келди, шылтоо кылып баса бердим, - деп Кундуз мактанып жатты. - Үй-бүлөсү бар, мени ушундай жакшы көрөт дейсиң, көрөсүң го?
- Жакшы экен, мен Чалкарбектин кылыгынан уялып, эки жакка чыгалбай калдым, иштейин десем болбойт…
- Өлүп кеткир десе, дагы бирөө менен жүрүп кетет деп, сени кызганып жаткандыр да, өз күнөөсүн билбей.
- Билбейм, жадагалса дүкөнгө чыкпайм, баары турса кайда барам, кээ-кээде кийим-кечеге барганда чогуу барабыз, андан башка ишим жок, кулагы керең, көзү көр, тили жок дудукча отурам, - деп ыйламсырап алды. Ошол кезде унаанын токтогон үнү угулду:
- Келип калышты окшойт, кир дейинби?
- Мейли, бүгүн биерде конок болуп кеткиле.
- Кабатыр болбо, сенин көзүңдү ачпасам элеби, - деп Кундуз чыгып кетти. Айымбү үстөл үстүн кайрадан толтуруп, болгонун коюп даярдап, аларды утурлай чыкты.
- Саламатсызбы? - деди Сапарбек аны көрүп эле.
- Саламатчылык, келгиле, - Жанындагы жигит да башын ийкеп, ичкери кирип орун алышты.
- Айым, бул менин жакшы көргөн иним Сапарбек, мунусу Сапарбектин досу экен. Шаарга жумуштап чогуу келип калдык, буйруса, бүгүн сенин даамың насип экен. - Кундуз шакылдай тааныштырып отурду, андан кийин тигилерге карап, - Ал эми бул болсо депутаттын сүйүктүү жары, менин эң жакшы көргөн курбум, аты Айымбү.
- Жакшы-жакшы, жакшы жатасыздарбы? - деп Сапарбек Айымга карады.
- Кудайга шүгүр, өзүңөр жакшы келдиңерби?
- буйруса, ойдогудай келдик, - деп Сапарбек Кундузду карап койду.
- Кана чайга карагыла. - Айым чай сунду. Бир аз отургандан кийин Сапарбек Илимге карады:
- Ээ, Илим, биздин да куру келбегенибизди жеңебизге көрсөтпөйлүбү, депутат акемдин каарына калбайлы? - деп күлүп тамашалаганда ал чыгып барып, пакет толтура тамак-ашты алып кирди.
- Бул биздин сиз менен саламдашуубуз, - деп Илим күлө пакетти жерге койду.
- Тим койсоңор болмок, убара болупсуңар..
- Сиздердей адамдар үчүн биердеги дүкөн эмес жердин жети кабатынан болсо да алып келбейлиби? - Сапарбек да күлүп калды. Кундуз менен Айым үстөл үстүнө тооктун этин, койкойгон импорт арактарды койду. Чайдан жаңыртып куйгандан кийин Айым куурдакты алып келип койду. Аңгыча мектептен Урмат менен Айзирек келип, өз бөлмөсүнө кирип кетишти. Аларга тамактарын берип, өзү коноктордун үстүнө кирди Айымбү.
- Кана эмесе, Айым, - деди Кундуз. - Чакем экөөңөрдүн ден-соолугуңар үчүн алып койолу.
- Жеңемдин ден-соолугу үчүн, - деп койду Илим. Ага Айымбү бир көргөндө эле жагып калган.
- Адегенде эле жеңе дегенден баштадың, Илим, - деди Сапарбек бир көзүн кыса.
- Эже десем болбой кала турган, жеңе десем кандай сүйлөсөм да жол ачык эмеспи.
- Туура, эмесе алып ийели, - дешип төртөө тең бокалдарын көтөрүштү. Дасторкон үстүндөгү дүйүм тамактардын ар биринен жеген менен арак-шарап ичилген жерде тамак каралбай калат эмеспи, шаракташып ырдаганга киришти. Түн бир оокум болсо да Чалкарбектен кабар болбоду.
- Депутат акем менен бир жолугуп кол алышып койсом болот эле, кечигип жатат го, жеңе? - деп сурап калды Илим.
- Зарыл иштери чыгып калгандыр?
- Ой бу депутаттар эл үчүн абдан зор иштешет экен да, күнү-түнү иштесе эмгегин баалаш керек.
- Кээде ошондой болот, кээде үйдө, - деп Айымбү сыр бербеди. Бир кезде Кундуз кызып калды, ал кыйшайып отурган жерине жатып алды эле, Сапарбек аны башка бөлмөгө алып кирип кетти. Илим менен Айым бир дасторкон четинде бир азга сүйлөшпөй үнсүз отурушту, көптөн кийин Илимбек:
- Айым жеңе, айып этпесеңиз сүйлөшүп отуралы, канча балаңыз бар?
- Үч балабыз бар, бири быйыл үйлөндү, өзүңөрдүкүчү?
- Мен азыр бойдокмун, турмуштан жолум болбой ата-энемди сары санаа кылып койдум, өзүм жалгыз баламын, эки балам менен аялым кетип калганына үч жыл болду.
- Жашоодо бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып жашоо кыйын, оорчулук менен жеңилди көтөргөн адам көтөрсө керек, - деди ойлуу Айымбү.
- Жашоо карта сымал дешет, ойлосом чын эле арты бирдей, бетин карасаң бирөөгө жеңиш, бирөөгө утуш алып келет экен да, сиз бактылуу болсоңуз керек? - Илим күлмүңдөй караганда андан көзүн тартып алды Айымбү.
- Бактылуумун, кудайга шүгүр, отуз жылдай бирге жашап келе жатабыз, жашоо ойдогудай, балдар бар…
- Бир нерсе десем капа болбойсузбу?
- Угуп көрөйүн.
- Сизди жактырып калдым.
- Ошол кантип болсун, менин балдарым, абройлуу күйөөм турганда мени жакшы көрүүнүн кажети жок го…
- Эмнеге, көңүл арзуусучу?
- Жүрөк арзуусун башымдан өткөргөмүн, көңүл арзуусун билбейт экенмин.
- Сүйүү башка, көңүлгө толуп жагып калуу башка, жеңе, мен сизди көңүлүмдөн арзыдым. Кабыл алыш же четке кагыш өз ишиңиз. "Тартып өпкөн жел өпкөн, сурап ичкен суу ичкен" дейт эмеспи, анын сыңары мен сизди кыстабайм, - деп арактан эки стаканга куюп, бирин Айымбүгө сунуп, бирин өзү алды. - Адам кээде эңсегенине жетпесе жашоосунда бир нерсеси кемигендей болуп, өмүрү бекерге өтүп жаткандай сезе берет. Дүйнөсү түгөл адамдар да бир нерсени эңсегендей, ал эңсегени эмне экенин билбей болгон каражатын чачса да эңсөөсүн басууга далалат кылат, - деди ойлуу Айымдан көзүн албай. - Келиңиз эми бирден алып койолу, сиздин ден-соолугуң үчүн!
- Рахмат, өзүңө да ден-соолук каалайм! - Экөө бирден алып, бири-бирине закуска суна унчугушпай отуруп калды. Айымбү кызып калганын сезип, - Сен тигил бөлмөгө эс ал, мен да эс алайын, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кызуу болгондуктан, бат эле уктап калды, эртеси башы зыңгырап ооруп ойгонду. Кундуз менен Сапарбек алда качан туруп, эшикте басып жүрүшкөн экен. Айымбү ашканасына кирип, тамак жасамак болуп жатканда сиңдиси келип калды, аны көрүп кубанып кетти…
Чалкарбек ал түнү Бийкенин жанында болду, ага жини келе кутулуштун амалын издей баштады. Ушуга чейин сыртынан кулпулап келгендиктен, басып кетиш кыйын болду. Ошол күнү Бийке оорумуш болуп жатып алды эле, врач чакырып көргөзүп, жазып берген дары-дармектерин алдырып өзү жанында отурган.
- Сен мени менен никеге турмайын ишенбейм, - деди келин атайылап жинине тиймекке.
- Чыдасаң, төрөсөң сөзсүз турабыз.
- Төрөй электе турушуңду каалайм.
- Сен мени түшүнбөй жатасың, айтып жатам го?
- Мен айткандай болбосо, мен баламды өзүм төрөйм!
- Кетпейсиң!
- Кетем же мен айткандай болот! Кетем дедим кетем!
- Токтот! - деди Чалкарбек ачуусу келе.
- Кааласаң өлтүрүп сал!
- Оозуңду жап дейм!
- Жаппайм, мен тоюп бүттүм мындай жашоого.
- Кандай жашоого?
- Камакка.
- Эмне бирөө менен жүргүң келип калдыбы, эркиндик керекпи сага, менин сага жасагандарым сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы?
- Балаңдын кылганы ал, мен эч кандай аны менен болгон эмесмин, кошунаныкынан чыгып бараткан немени мага жабыштырып, сени менден алыстаткысы келген.
- Калп, ойношуңду түрмөдө чиритпегениме тобо де!
- Ойношум эмес, бирөөнү жармаштырбагыла, эгер ойношум болсо ушу жерде турат белем? - деп Бийке таптакыр тилин тартпай койгондо, Чалкарбек аны жаактан ары чаап жиберди. - Өлтүрүп сал, тойдум ушул жашоого, ата-энемди үч жылдан бери бир көрбөй өлүүнүн катарындамын. Эгер мени менен жашай турган оюң болсо атамдарга киши жибермексиң!
- Чыда деп жатпаймынбы?
- Чыдабайм!
- Мына сага, менден кетип кайсыл күндү көргүң келет?! - деп жаакка эки-үч ирет коюп ийгенде мурду канап кетти. Чалкарбек ага көңүл бурбай чыгып кетти, ачуусу менен кулпулаганды унутуп калган экен. Бийке жуунуп кийинди да, Чалкарбектин үстүнөн арыз жазганы участкалык милицияга жөнөдү. Оозу да долдоюп шишип кеткен, бети көгөрө баштады.
- Саламатсызбы?
- Саламатчылык, келиңиз.
- Мен арыз берейин деп келдим эле.
- Жазаңыз, кандай иш боюнча?
- Өз укугумду коргогум келет.
- Укугуңду ким кордоп жатат?
- Исмаилович Чалкарбек.
- Эмне дейсиз? - Милиция кызматкери жаңылыш уктумбу дегендей суроолуу тигилди.
- Исмаилович Чалкарбектин үстүнөн арыз берем!
- Депутатпы?
- Ооба.
- Ал кимиңиз эле?
- Менин күйөөм, мен анын токолумун.
- Коюңузчу?
- Арызымды кабыл аласызбы же албайсызбы?
- Токтой туруңуз, - деп милиционер кабинетинен чыгып кетип, бир аздан кийин кайра келди да, кагаз-калем берди. - Жаза бериңиз?
- Ушул арыз менен укугум корголобу же басып койосуңарбы?
- Сиз өз ишиңизди кыла бериңиз, биз өзүбүздүкүн кылабыз, болгонун болгондой жазыңыз.
- Жашыра турган акыбалым жок, - деген Бийке эки баракка арызын жазып, бирин өзү алып, бирин калтырып кетип калды. "Өлтүрсө да көрөйүн, бүгүн сөзсүз угат", - деп үйүнө келип жатып алды. Беттери дулдуюп, ысып чыкты, жаагы, оозу калбайып ооруган сайын жаны кашайып, тагдырына таарынып ыйлай берди…
Чалкарбек кабинетинде отурса телефон чырылдады, ал шашпай алып, кулагына такаган бойдон оозуна сөз кирбей туруп калды. Анан шашылыш турду да, костюмун ала эшикке чыгып, унаасына отуруп жөнөп кетти. Прокуратурага келгенде аны досу күтүп турган эле.
- Кандай иштер?
- Секинден болуп жатат, бу сен жыланды койнуңа катып жүргөнсүң го?
- Ишенбей турам.
- Дагы жакшы, менин иниме келип, арыз таштаптыр, эгер башка болсо сени киндиктен эмес кекиртегиңден жиреп бүт чукуганга жол табылмак, этиет болбойсуңбу?
- Көпкөн экен, көзүн курутуп салбасамбы?
- Чынгызхан боло албайсың.
- Бир катындын сазайын бергенге жарайм.
- Сак бол, мына бул арызды оку да, тытып сал, - деп досу арыз жазылган баракты карматты.
Унаасында келе жатып Чалкарбек ар кайсыны ойлонду, акыры Бийкени жакшы көрөөрүн билди. "Ага жакшы мамиле керек, мындан ары камабай ээн коюп артынан аңдытайын. Эгер бир кадамынан жаңылса жок кыламын, башкага ыраа көрбөйм", - деп баратты. Ал киргенде күүгүм болуп калса да үй ичинде жарык күйбөгөн, жүрөгү шуу дей түштү. "Кетип калган экен", - деп эшигин түртсө ачык. "Баарын ачык таштап кеткен экен", - деп ойлоду, жарыкты күйгүзүп бөлмөлөрдү кыдырып келатып төркү бөлмөдөгү диванда бүрүшүп жаткан Бийкени көрүп эс ала түштү. Боору ооруп кетти. Кере-кере дем алып алды. "Картайганда өмүрүмдү жыргалга бөлөөр, моокумумду кандырып, черимди жазаар, ачуум келсе көңүлүмдү жайгараар бир гана ушул", - деп ойлой дивандын четине отура келиндин саксайган чачтарынан сылады, беттеринин дүгдүйүп шишип кеткенин көрүп өзүн-өзү сөгүп алды. Ошол кезде Бийке ойгонуп кетти.
- Келдиңби?
- Ооба.
- Мен сенин үстүңдөн арыз жаздым.
- Уктум.
- Эмне?
- Баарын билем, далалатыңдан эч нерсе чыкпасын билбедиң да… - деди оозунун долдойгон жерин колу менен сылай, - Сенсиз менде жашоо жок экенин билсең минтпейт элең, баладайсың, Бийке. Мен оңой адам эмесмин, ар жерде өз адамдарым бар, эч жакка жеткирбей менин өзүмө айтышат, али жашсың, эч нерсени түшүнбөйсүң.
- А сен мени сүйбөйсүң, жөн гана эрмек кылып жүрөсүң, ата-энем менен көрүшпөгөнүмө, бир туугандарыма жолукпаганыма үч жыл болду, алар мени өлдү деп түңүлүп, куран окуп жатышкан чыгаар…
- Кечир, секелегим, - Чалкарбек Бийкени өйдө кылып бооруна кысты, - кечир мени. - Тизесине отургузуп, жүзүнөн сүйдү. - Кечирүүгө алың жетеби, жаркыным?
- Билбейм, ойлонуп көрүшүм керек.
- Акылдуум менин, эркем менин, - деп ичинен Бийкенин кетип калбаганына ыраазы болуп турду. Анан өзү сыртка чыгып тамак-аш алып келди. - Келе гой, кардың ачса керек, капа кылып алдым, шам-шум этип алалы. Азыр экөөбүз бирге тамактаналы, мындан да ичип көңүл көтөрөлү, - деп Бийкени көтөрүп келип отургучка отургузуп, пиццадан сындырып сунду. - Алчы, жеп койсоң…
- Жүрөгүмө эч нерсе барбайт.
- Кой антпе, менин баламды ойлон, ал сен аркылуу гана тамактанат, - деп күлө колуна рюмканы карматты. - Кана эмесе, экөөбүздүн ден-соолугубуз үчүн, төрөлчү балабыздын чың ден-соолукта төрөлүшү үчүн алып койолу!
- Ичпейм.
- Алып кой, Бийкем, мен сени мындан ары Ханбийке деп жүрөйүн, карегиң менен тең айланып жаныңдан карыш жылбайм, - деп жанында үйрүлүп турган адамга бир аз карады. "Укуругу узун, кызматы бар, менин арызым арык аттап, суу кечпейт дагы. Айлам канча, тынч жашай берейин, көзүмдү карап турган адамдын да кусуру тийип жүрбөсүн", - деген ойдо болду Бийке. Эртеси жумушка кетип кечинде келбеди, түн бир оокумда телефон чырылдаганынан ала койсо:
- Бийке, мен бүгүн кармалып калдым, кокус иш башкача болсо сенин колу-жолуң бош, үйдүн документи серванттын эң үстүндө турат, баарын сага тууралап койгомун, - дегенде Бийке:
- Эмнеге… - деген бойдон кала берди. Көрсө Чалкарбектин ишинен кынтык тапкан атаандаштары анын үстүнөн башка бир кызга арыз жаздырышыптыр. Ошентип Исмаилов Чалкарбек депутаттык мандатын өткөрүп берип, өзү чет өлкөгө кеткенин укту. Көрсө үйдүн документин эчак Бийкенин наамына өткөрүп туруп, айтпай апкелип катып койгон экен. Аны көргөн Бийке кубанганынан ыйлап ийди, ата-энесине барып келди. Үйүнө бир туугандарын чакырды. Аңгыча ичи билинип, төрөй турган мезгили жеткенде уул төрөп алды. Чалкарбектен дайын жок, уулунун атын Мирбек коюп, өзү багып жатты. Уулу күлүшүп калган кезде Достук пайда болду, экөө сүйлөшүп отуруп үч бөлмөлүү үйдү сатып, жер үй алмак болуп жарнама беришти. Ошол кезде жер үйүн бардык шарты бар үйгө алмаша турган кардар чыгып, дароо эле келишип сатып алышты. Бийкелер үй ичин көчүрүп кетип калышты. Мирбектин Чалкарбекке окшоштугун көргөндө ирээнжигени менен энелик жүрөгүнүн мээрими андан суута албады, аябай жакшы көрөт. Достук экөө баш кошуп алышкан. Эже-сиңдиси, агалары менен ата-энеси Мирбектин атасы деп ойлоп калышкан Достукту. Күлкүсүнөн ыйы, ыйынан күлкүсү көп бул жалганда "бир күнү жарык, бир күнү караңгы" дегендей өмүр өтө берет. Өмүр өтөө адам баласы үчүн татаал, өзү каалагандай жашоо берсе анда кемчилдиктин, кайгы менен ызанын кадырын ким билмек, чардап-күлүп жашоого гана жаралгандай кычырап өтүп кете беришмек. Бул тандоосунан жаңылбагандай Бийке Достук менен бактылуу жашап жатты. Уулу бирге чыгып там-туң басып калганда, кайрадан кош кабат экенин билди. Достуктун ата-энеси аларды үйүнө алып барып, туугандарына тойчук берип, кудаларын чакырып коноктоп узатышты. Достук курулушта иштеп, айлыгын толугу менен алып келип берет. Бийке абдан сарамжалдуу, оокатка тың, өткөн жашоосуна өкүнгөнү менен бул турмушта кыйынчылыкты көрбөгөн адам жашоонун кадырын билбесин сезди…
Кайрынса үйүндө кыңкайып жаткан. Эшиктин алдына келип токтогон унаанын үнүнөн өйдө болду. Кулубек келген, Насият телефондон сүйлөшкөн сайын апамдан кабар алыңыз дей бергендиктен, бүгүн келгени жатса Темирбек чалып калды. Көрсө, Насият көзүм тунарып кетти деп барып жыгылып калганда ооруканага алып барса, "Мээсинде жара бар" дешиптир. Кулубек Америкага учаарда Кайрынсага келген болчу.
- Кандай, апа, жакшы жатасыңарбы? - деп кирип келди.
- Жакшы, айланайын, өзүң жакшы жүрөсүңбү?
- Жакшы, - Ойлоно Кайрынсаны карап калды. - Апа, Насият салам айтып ал-акыбалыңызды сурап жатат, мен эки күндөн кийин Америкага жөнөйм, ошондуктан сизди көрүп келдим деп айтайын деп атайын келдим.
- Ии-ий, садага кетейин десе, эми кызыма эмне берем, тамак-аш жетпесе, курут берип ийейин, отур чай ич, - деп эне төргө өткөрдү.
- Апа, кичинесинде Насияттын башы ооручу беле?
- Жок, эмне болду?
- Башы ооруп ооруканага жатып калыптыр.
- Кокуй күн ай, эч жерим дечү эмес эле. - Эне кейип алды. - Эки жашында бир катуу эти ысып ооруп, үйдөн укол алып жакшы болуп кетти эле, андан башка ооручу эмес.
- Кабатыр болбоңуз, өзүм барам го, - деген Кулубек бир чыны чай ичип эле жолго чыкты. Кайрынса коркуп калды. Анын үстүнө көптөн бери өзү да ар жери ооруп жүргөн. Кулубек кеткенден кийин Коляга бир улак сойдуруп, күйөөсү менен Азаданын арбагына куран окутуп, Насияттын аман-эсен сакайып кетишин тиледи. Ошол барышта Кулубек Альбертти ала келип Кайрынсага берип кетти. Жүгүрүп калган наристе карыга эрмек болду, бирок тили орусчага көнүп калганга "мамалап", түшүнбөй кыйнап ийди. Тоня жакшы көрүп өзү каралашып бакканга ого бетер Коля жинденчү болду. Пейили бузулганын көргөн Кайрынса Тоняга бир күнү минтти:
- Ээ, Тоня, бу күйөөң эмне минтип калды, ыя? Кулубек келсе айтсам окшойт, - деди эле, Тоня күлүп калды:
- Ошол курусун, бекер аш кутуртуп жатат, эже, мен ушул сиздин жаныңызда эле болом, ал кетсе кете берсин.
- Ботом, мен силерди өз бүлөмдөй эле көрүп отурам, эми аз калган өмүрүмдө кимге жаман көрүнмөк элем.
- Ошону айтсаңыз, башка бирөө болгондо короосуна жаткырып коюп, тамак-ашын ченеп берсе көрөт элем, - деп кейиди Тоня. Ошол күнү түндө Коля дагы күңкүлдөдү эле, - Коля, андай эле иштегиң келсе айылда иш жок дейсиңби, биякты да чогултуп, сен там салганга жумуш изде, бул үйдүн жумушуна мен өзүм эле жетишем, антпесең болбойт, - деди.
- Анда эртең эле издейм.
- Ошент, жакшыраак иштеп тапсаң чогулта берели да, ушул эле айылдан үй сатып алалы, макулбу?
- Ооба, антпесек убакыт өтүп баратат, адамча үй күтүп жашабасак болбойт, мал-сал күтүп дегендей.
- Аны мен ойлобойт дейсиңби, өлгүчө бир адамдай жашайлы деген ой бар, жетишпеген оокаттын айынан ушинтип жүрөбүз да.
- Тоня, жүз грамм ичким келип жүрөт, кыжаалат болгондо бир аз ичип алсаң эс ала түшөт экенсиң. Эртең бир бөтөлкө апкелип койчу, күч-кубат да кетип баратат.
- Койсоңчу, көргөндөр эмне дейт, үч-төрт айдан бери ичпей жыргап эле калдык го, - Тоня моюн толгоду. - Ичкиликти ушул бойдон таштап койолу.
- Жүз эле граммдан ичип турганга макул бол, сени менен да жаталбай баратам, сага деле керектир… - деп кучактап өөп койду, экөө эркелешип жатты. Бай менен кулдун жаткан жери эки башка болгону менен адамды жыргатаар жан кумар бирдей эмеспи. Кийим кийгенде бардар менен колунда жоктун айырмасы эки бөлөк, бирок жылаңач кезде баары эле окшош. Коля менен Тоня да өздөрүнүн төшөгүндө махабаттын туу чокусуна жетип, бактылуу кучакташып жатып калышты. Эртеси Коля эрте туруп кайдадыр кетип көпкө жоголду, Тоня жан-алы калбай күздүн сыдырым желинде беш-алты жандыкты карап, тамак-аш жасап, баланын кирин жууп тынбады. Түш оой келген Коля:
- Мен жумуш таптым, үйдүн чатырын жабыш керек экен, үч киши жаба турган болдук, - деди. - Буйруса, суук түшкүчө бүтсөк жакшы акчалуу болобуз.
- Жакшы болуптур, кардың ачса тамактанып ал.
- Карын ток, - деп ары басты. Ошондон тартып бар түйшүктүн баары Тоняга түшүп отурганга чолоосу калбай калды.
Альберт дагы ыйлап чыныкчал болуп, Кайрынса көтөргөнгө жарабай көбүнчө Тоня карайт. Ошондой күндөрдүн биринде Кайрынса ооруп калды. Төшөк тартып калганда Коляга жалдырай карады.
- Балам, сен барып Кулубекти чакырып келбесең болбойт, баланы тапшырайын, антпесе кыйналат го?
- Макул, эне, барса барып келейин, - деп Коля шаарга жөнөдү. Ошонун эртеси Кулубек Коляны жанына салып жетип келди.
- Эмне болду, апа, кай жериңиз ооруп жатат?
- Эч жерим деле оорубайт, денем салмактанып эле жаным жер тартат, - деди Кайрынса онтолой.
- Ала кетип врачтарга көрсөтөйүн, ооруканага жатсаңыз жакшы болуп кетесиз.
- Кой, балам, ушул жашымда денемди тештирип жүрөмбү, көрөөр күнүм бүтпөсө жакшы болуп кетээрмин. Наси менен сүйлөшүп жатасыңбы, акыбалы жакшы бекен?
- Апа, ал жакшы болуп калды, күйөөсү иштеп, өзү окуп жатат, кышында келишет.
- Каралдым аман болсун, эми ошол бала-чакалуу болуп, Биймырзанын жээни болуп жүрө берсин, балам, сага дагы рахмат, Азаданын арбагы ыраазы болсун, балам, - деп онтоп алды. Кулубек канчалык алып кетейин десе да болбоду, анан ага карап, - Балам, кокус мен өлүп калсам бул үйдө Тонялар кала берсин, коломтобуз өчпөсүн, айланайын, сен кандай дейсиң? - деди.
- Өлгөндү ойлобоңуз, апа, дагы көрө турган күндөрүңүз болсо көрүңүз, бирок мен каршы эмесмин, - деди Кулубек.
- Мен кыйналып баратсам Коляны жиберем…
- Апа, жибербей эле телефонду таштап кетейин, почтадан чалып койсун.
- Мейли, балам, ошондой кыл, - деп унчукпай калды. Эти ысып, эки-үч күн жөөлүп жатып, дары ичип, укол алып жакшы болуп калган. Бирок алы жок жетимиш сегизге келген кемпир кеч күздө катуу ооруп каза болду. Кулубек келип, өкүрүп баласы жоктой кылбай бүт ызаат-сыйын жасады. Кайрынсаны койгону барганда Азаданын сүрөтү коюлган белгини көрүп, ичи сыйрыла ыйлады. Элдин артында калып, куран окугандан кийин, "Азада, мен сени кандай гана сүйдүм эле, өмүрүң кыска тура, эмнеге мага айтпадың, жок дегенде төрөгөнүңдө айтып койсоң өзүм дарылатат элем. Кечир, Азада, сага таарынган таарынычым Насини көргөндө жазылып кеткен. Сени ошого чейин кызганып жүргөнүмдү айт", - деп көпкө отуруп, анан келди. Ал келгенде элге эт тартылып, куран окулуп жаткан экен. Чачыла деп бет аарчы таратып, элди узатып, ал күнү калып калды. Эртеси үчүлүгүн өткөрүп коюп, үйүнө кетти. Тоня менен Коля өздөрү калышты. Элүү күндүк өткөндөн кийин гана Тоня:
- Коля, мен сага бир жаңылык айтайынбы? - деди.
- Ал кандай жаңылык, кемпирдин кандай байлыгы болмок эле, байкуш өлөөрүндө бизге бул үйдү биротоло таштап кетти, ошону айтайын деп жатам.
- Ыраспы? - деген Коля ойлоно түшүп, - Бул үйдө ансыз деле калмакмын, эч кимиси болбосо ким талашмак эле, - деди көңүлсүз.
- Кызыксың ээ, эгер өзү бербесе бош үйгө акыры бир күнү ээ болчу адам чыгат. "Кыргыздыкы кырк жылда" деген ошол, кырк жыл өтсө да менин тууганым же эжем деп чыга калат.
- А сага ооз эки айтканы жарамак беле?
- Мага өзү тил кат жазып, өкмөткө таштап койдум деген, бирөө келсе оңой эле биз жеңип чыгабыз.
- Жакшы болуптур, анда акырындап оңдой бериш керек.
- Ошондой десең, кармаган, күткөнүмдү кор кылбай урун деп айткан байкуш, андан көрө тез-тез куран окуп туралы.
- Анын жарасы жеңил эмеспи, мал-кели деле калган жок, эки кою калды, жылдыгына сойсок бүтөт да…
- Ошого да ыраазы бололу, ээн калган үйүн бирөө сатса бир топ акча болмок, короосундагы алмаларычы, - деп Тоня сүйлөп отурганда Коля калган эттен алып келди.
- Тамак жасачы, бир бөтөлкө ичип алалы.
- Койсоңчу, Коля, ичпей адамча жашайлы эми.
- Үйлүү деги болуп калдык, Тоня, экөөбүздүн балабыз багылбай жатпаса, жашыбызды багалы, - деп чалкалай төргө жатып калды. - Буйруса, иштеген акымды алсам бир-эки кой-эчки, бир уй алып алалы, сүт ичип турбасак болбойт ээ?
- Ооба, экөөбүздүн тең бала-чакабыз акыры бир күнү келет да, кантип кайрылбай койсун, ошондо үйүбүз толуп, неберелерди эркелетип бактылуу күндөргө жетебиз, - деп ойлуу телмирди Тоня. Бир кездеги томпоңдоп ойноп жүргөн беш жашар уулу менен үчтөгү тили ширин кызын көз алдына келтирип, жаштык кезиндеги кетирген каталыгына өкүнүп алды. Бул биринчи эле жолку өкүнүүсү эмес эле. Эстеген сайын кылган ишине өкүнүп келди ушул убакка чейин.
- Тоня, - деди Коля, ойлонуп отурган Тоня чочуп кетти.
- Эмне?
- Сен төрөбөйсүңбү, ыя?
- Эмне кыласың?
- Төрөсөң жакшы болмок, эрмек болот эле да.
- Эми кайдан.
- Кыркка чыга элексиң, врачка көрүнүп көрбөйсүңбү?
- Кырк экиге карабадымбы?
- Экөөбүз деле балалуу болуп калсак жакшы эмеспи, сен төрөсөң ичкиликти такыр оозума албайм. Кээде кыжаалат болгондо ичким келип кетет, ким үчүн жашап жатканымды да билбей калам.
- Ырас эле, көрүнүп көрөйүн, - деп Тоня үмүтү жана көз алдына ымыркайын колуна алып эмизип отурган жаш чагы келип, наристе жытын сагынганын эми гана билди. Үмүт деген адамды алдыга жетелеп, караңгы түндө турсаң да бүлбүл жанган шоола жакшы максаттарды пайда кылат эмеспи. Тоня дагы жакшылыктан үмүт кылып, таңды таң атканча ойлонуп чыгып, эртеси врачка көрүнүүгө жөнөдү. Ал келгенде аялдар көп турган, алардан тартына четке туруп калды, тааныштар көрсө таанып калабы деп ичинен сызып турганда жанына бир аял келип:
- Сен ким элең? - деди түкшүмөлдөй.
- Ким деп турасыз? - Тоня күлүмсүрөй кайра өзүнө суроо узатканда ал:
- Капырай, менин бир кайнимдин балдызына окшош экенсиң, атың ким? - деди.
- Таалайкан.
- Ии-ий да, башка экенсиң, ал сага окшош эле, кимдин аялысың?
- Күйөөм жок, эже, бул айылга жакында келгем, кайра кетем го? - деп Тоня ары басып кетти. Дагы бирдеме сурайбы деп чоочулай кезек күтүп тургандардын четине туруп калды. Кезеги келип, кабыл алуу бөлүмүнө киргенде догдур кыз:
- Айта бериңиз, боюңузда барбы? - деп сурады.
- Жок.
- Эмнеге келдиңиз эле, кезекте эл көп, тез-тез сүйлөңүз.
- Мен көрүнөйүн деп келгем, төрөймбү же?..
- Аа-а, мурда төрөдүңүз беле?
- Ооба, экини төрөгөм.
- Дагы төрөгүңүз келеби?
- Ии-ий…
- Чечинип, креслого чыгып жатыңыз, - деп коюп, илбериңки кыймылдаган кыз колуна мээлейин салып жанына келди. - Канчадасыз?
- Кырк экидемин.
- Жаш эле экенсиз, төрөшүңүз мүмкүн, - деп темирлери менен текшерип көпкө көрдү. - Сиздин жатыныңызга доо кеткен экен, суук тийгениңиз дагы бар, эгер дарылансаңыз төрөйсүз, - деп жылмайып койду. - Түшө бериңиз, - деп ордуна барды. - Мен сизге керектүү дары-дармектерди жазып беремин, ошолорду алып бүткөндө келип көрүнөсүз, - деп колуна кагазды берди.
- Рахмат, кызым, - Тоня сыртка чыгып баратып, бир артына кылчайып алды. "Көздөрү жылуу учурайт, кимге окшотуп турам, жүрөгүм алып учат, деги жакшылык болгой эле", - деп ойлоно үйгө келгенде Коля аны утурлай басты:
- Көрүндүңбү?
- Ооба.
- Эмне деди?
- Дарылансаң төрөшүң мүмкүн дейт.
- Анда дарылан, - деди кубангандай.
- Дары жазып берди, эми алышым керек.
- Жакшы болду, мүмкүн десе демек төрөйсүң, - деп кудуңдай ичкери кирди. - Сен келгенче мен куурдак жасап койдум.
- Жакшы кылыпсың, кезекте туруп чарчап кеттим.
- Кел эми, жакшы тилек үчүн ичели, кудай буйруп балалуу болуп калсак кандай жакшы болот эле, - деп шыпылдаган Коля бир бөтөлкөнү ачып, идишке куюп жатканда Тоня жактыра бербей:
- Коля, бул үйдө эз-зели арак ичилген эмес экен, Кайрынса эженин турпагы сууй электе бекер кылып жатасың, ашы өтсүн, жакшылап куран окутуп, элден бата алалы. Антпесек арбак ыраазы болбойт, чындап балалуу болууну кааласаң мындан ары ичкиликке жолобо, - деди.
- Макул эми, бүгүн бир аз алып койолу.
- Болуптур эми, сенин көңүлүң үчүн, - деп экөө тамак менен ичип отурушту. Тонянын көз алдынан гинеколог кыз кетпей туруп алды, кылт-кылт эте улам эсине түшүп, өзүнчө кыйнала берди. Арадан бир жума өтүп дарыларын ичип, уколун алып бүтүп дагы барды. Бул келиште башка врач экен, ага түшүндүрүп айтып көрүнсө, дагы жазып берди:
- Үч курс алыңыз, ошондо кантип боюңузда болгонун билбей каласыз, ар бир жети күндө көрүнүп туруңуз, - деди эле, кубанып келди. Ошентип илгери үмүт менен дарыланып жүрдү. Акыркы барышында баягы кыз отуруптур, анткени кезек менен отурушчу.
- Келиңиз, - деди ал кыз Тоняны көрүп эле.
- Келдим.
- Уколдорду алдыңызбы?
- Үчүнчү курсун да алдым.
- Жакшы, анда көрөлүчү, - дегенде креслого барып жатып калды. Догдур кыз назик, аппак колдоруна мээлей кийип келип, көрүп жатып, - Эң сонун, эми төрөйсүз, - деди жылмая.
- Рахмат, кызым, - деди да, креслодон туруп, кийинип келип, отургучка отурду. - Бара берсем болобу?
- Азыр, эми сизге свеча жазып беремин, ушул учурда сөзсүз боюңузга бүтүшү мүмкүн, балдарыңыз чоңбу?
- Мм… - Тоня какай түштү. - Ооба, улуусу жыйырмада, кызым он сегизге чыкты.
- Эч нерсе эмес, кээ бирөөлөр келип кызы менен жарышып төрөшөт го, айрыкча айылда, жашыңызда эмнеге төрөөгө аракет кылбадыңыз?
- Иштеп жүрдүм.
- Кайда иштейсиз?
- Мугалиммин.
- Жакшы экен, сизге жакшылык каалайм, бара бериңиз.
- Рахмат, кызым.
- Келип көрүнүп туруңуз.
- Макул, - деп Тоня чыгып кетти. Маңдайы жарык, жаш кыздын көздөрүн бирөөгө окшотуп, тааный албай бушайман боло үйүнө келди. Жакшы кабарды угуп, Коля дагы кубанды. Экөө келечегинен көптү күтүп, жашоого эт-бети менен киришти. Коля Тонянын айтканына көнүп, ичкиликти оозуна албай калды. Аңгыча кыш келип, жаңы жылды тосушту. Жаңы жыл күндүн эртеси эки машина келип токтоду. Насият ыйлап үйгө кирди, Тоня аны өзүнүн кызындай тосуп алды.
- Эжекебай, апамдан айрылып калбадымбы! - деп кучактап, боздоп жатты.
- Кой, кызым, карып-арып жакшы жашады, сенин уулуңду көрдү, бактылуу киши экен, - деп кайнатасы келинин кайненеси экөө тыйып жатты. Өздөрү бир койдун этин бышырып келген экен, коңшу-колоңун чакырып куран окутушту. Кулубек менен Нуртилек, Кимбилет, Касиеттер кошо келген, алар Насияттын көңүлүн көтөрүп жанында. Тоня жан-алы калбай чайын коюп, сый көрсөтүп жатты. Кайрынса ачпа деген сандыгын Тоня ачкан эмес, Насият аны өзү ачып, ичинде катылгандарын алып, анан Тоняга карады:
- Эже, апамдын жаңы буюмдарын сизге таштайын, кийген кийимдерин тебелетпей өрттөп койолу. Ал эми бул акчаны сизге берем, эч кимиси жоктой кылбай караан болуп, үйдүн чырагын өчүрбөй турганыңарга ыраазымын, - деп апасы катып койгон үч миң сомду колуна карматты. - Мен атамдан уктум, эже, кээде келип турам, - деп апасын жоктоп көпкө ыйлады. Насияттын экинчи баласы боюнда бар эле, ошондуктан кайненеси аны көп ыйлаба деп жатты. Үч-төрт күн кетпей туруп калышты. Кармагандарын өзү иргеп өрттөгөнүн өрттөп, Тоняга калтырганын калтырып, "Эми бул жерде эмнем бар, арбагыңдан кагылайын, апакем, жаткан жериң жайлуу болсун", - деп боздоп алды. Эртеси мүрзөгө Темирбек экөө барып келишти, анан Тоня менен коштошуп шаарга жол тартты.
- Кетиштиби? - деди Коля алар кеткенден кийин.
- Ооба.
- Тажатып жиберди.
- Койсоңчу, териң тар экенсиң, кечээ эле апасы өлүп жатса, өзү өсүп чоңойгон үйүнө келбегенде кайда келмек эле?
- Эк, экинчи келбесинчи, менин энчиме тийгенден кийин эч кимди киргизбейм, - деп өзүнчө үтүрөңдөгөн Коляны ичинен жаман көрүп алды. "Эч нерсеге жетпей эле жүргөн экен, пейили тардыгын кара, адамгерчилиги жок десе, сага караганда ээ кылмак эмес. Менин гана мамилемдин жакшысынан таштады, ошону билсең гана", - деп ойлонуп туруп калды. Бирок ушул убакка чейин кеч уккандар келип, куран окутуп кетип жаткан, анда да үтүрөңдөй берет. Убакыт өтүп жатты, бир күнү дагы врачка көрүнгөнү барса ага боюнда бар экенин айтты. Бирок бул кубанычты Коляга айткысы келбеди, ичинен тына "Ичим чоңойгондо билсин", - деп тымызын жүрө берди. Бир күнү Тоня жалгыз отурган Кайрынсанын көп жылдан бери катташпай калган бир тууган эжесинин кызы менен баласы келип калды. Алар кирип келип эле чоочун аялды көрүп:
- Жакшысыңарбы, Кайрынса эжем үйдө жок беле? - деп сурашты.
- Кимиси болосуздар?
- Таежем болот.
- А киши өтүп кеткен.
- Качан?
- Жарым жыл болоюн деп калды.
- Көзүн көрбөй калган турбайбызбы, байкуш эжем, бизди эңсеп, көргүсү келгендир ээ, - деп аял ыйлап калды. - Жер алыс, бала-чака деп жүрүп каттай албай жүрдүк, бир кызы бар эле, ал кайда болду экен?
- Анын өлгөнүнө көп жыл болуптур, бир кызы бар, шаарда жашайт.
- Алда-а эжекем ай, бизге аябай нааразы болгон экен да, апам өлгөндө барган, биз ошол бойдон катташпай калганбыз, - деп отурду аял.
- Кой, куран окуйлу, - деди иниси, анан чөк түшө калып куран окуп, бата кылышты. - Силер кимиси болосуңар?
- Биз үйдү сатып алганбыз, - деп озуна жооп берди жаңы эле кирген Коля.
- Аа-а, байкуш жездемден тукум калбады, небереси менен таанышып катышып албасак болбойт, - деп кейип-кепчип отурду аял. Тоня Колянын сөзүнө жини келди. Дасторкон жайып, чай койду, тамак асты, алар алыс жерден келгендиктен, ал күнү конуп калышты.
- Бу кемпирдин азасы качан бүтөт? - деди Коля алар кетээри менен.
- Сен кызык экенсиң, очогумдан от өчпөсүн деп мага атайын дайындаган. Сатып алганбыз деп арбактан коркпой кантип айттың? Уятың жок экен, жыл бою өлгөн кишинин жакындары, тааныштары келип турат, андай дебей жүргүн, - деп катуу айтты Тоня.
- Келген эле кишиге дасторкон жайып жатсаң анан жин келет да, азыр бекер оокат барбы?
- Кой, Коля, пейлиңди оңдо, биз андан да көп карыздарбыз, үч жылдан ашык чычкандай кемпирге жамынып, ичип-жеп жашадык. Жамандыгын көргөн жокпуз, кымындай нерсени да сатып аласың, канча дүнүйө калды, бир төшөк сатып алчы көрөйүн!
- Эмне мага жинденесиң, керек болсо кетебиз, ташта ушул үйдү, мага милдет кылбай, өзүм иштеп табам.
- Адегенде кайда барсаң да иштеп үй алып кел, анан сени менен кетем, ага чейин бул жерден жылбайм! - деди Тоня.
Тоня кийинки күндөрү Колядан абдан ирээнжий баштады, анын ичи тардыгы, өзүмчүлдүгү жакпай баратты. Экөө айтышып кетчү болду. Бир күнү ал жасана кийинип алып, шаарга жөнөдү.
- Мага акча бер, шаарга иштеп келем, - деди Тоняга.
- Болгону эки миң сом турат, канча берем?
- Ошону бер, жумуш тапканча ичип-жейм да.
- Болуптур, эгерде иштеп, акча таппасаң кайрылып келбе, кеткиң келип жатса ачык айтып кете бер! - деп акчаны бергенде ал кызыңдай кетти:
- Эмнеге келбейм, сен менин аялымсың да.
- Жылуу ордуңду таштап кетип жатасың, анан да сенин никелүү аялың эмесмин, никең болсо башкача болмок.
- А мен сени аялым деп жүрбөйүмбү, - деген Коля кылчаңдай үйдөн чыгып кетти.
- Жакшы жашашты билбеген акмак, биттеп келсең киргизбей калайын, - деп жини келип кала берди. - Жашоонун жакшы жагын билип көрбөгөн айбан, - деп ичкери кирип, мешке оттон салып коюп отуруп калды. Ошол кезде ичи бүлк этип алды, "Байкушум десе, сен атасыз төрөлө турган болдуң, бирок мен сени эч качан кор кылбайм", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Түшүнө Кайрынса кирип жатыптыр, ал ага келип: "Тоня, мына бул алманы сен ал, анткени сенин жакшылыгың үчүн берем. Менде баары жакшы, эми сен абдан бактылуу болосуң. Насият келсе аны томсортпой тосуп алып, узатып кой ээ?", - деп жылмая босогодон чыгып кетти. Ойгонуп кетти, жүрөгү лакылдап калган экен, "Ыраматылык колдогонун кара, буйруса уул төрөйт окшойм, кудай, айланайын", - деп ойлоп сыртка чыгып келди. Түн бир оокум болуп калыптыр. "Ушунчалык көпкө уктаган экенмин", - деп кайрадан кыңкайып жата кетти. Эртеси эрте туруп үйүн жыйып ысырыктап, анан май токоч жасап, Кайрынсанын арбагына куран окуп бата кылды. Убакыт өтө берди, кыш чыгып ала жаз келди, али сууктун күчү бир топ бар. Эртели кеч эки кой, бир эчкини карап, чөп салып, суу берип жүрүп төлдөтүп алды, эки козу бир улакты ичке киргизип багып жатты. Жалгыз бой, боюнда бар, бара-бара отуруп турганы да кыйындап, эптеп күн кечирип жүргөндө Коля кирип келди. Анын үстү-башы тозгон, өзү арыктап шайы кеткен, бирок алагүү экен.
- Тоня, кечир мени, - деп алдында салбырап турду.
- Сен ошол жашоону эңсеп кетпедиң беле?
- Жок, мен иштеп сенин көзүңө көрүнүп, акча таап келем деп ойлогом, бирок андай болгон жок, жумуш таба албадым.
- Кой, Коля, мени эми тынч кой, мен да өз жашоомду тандап алдым, сен өз жолуңа түштүң, ушул бойдон эле бөлүнөлү, - деп Тоня терс бурулду.
- Тоня, кечир мени, менин баламды атасыз өстүргүң келеби?
- Бала менин өзүмдүкү, сен экөөбүздүн көз карашыбыз башка экен, түрмө көрүп келгеним менен жан дүйнөмдүн ээндиги, кеңдиги сага окшобойт. Мен мугалимдик билимимди унута элекмин, бир кезде балдарга билим бергем. Жүрөгүм ооруп, өз кылмышым үчүн жашырынып жашап келе жатам.
- Кечир мени, мындан ары эч кандай ашыкча сүйлөбөйм.
- Болуптур, бир жолу кечирейин, - деп келин аны аргасыз үйгө киргизди. - Жуунуп келип кийимиңди котор.
- Макул-макул, - деп Коля күнөөлүүдөй жер карап, Тоня берген чөөгүндү алып сыртка чыкты. Тоня ойлуу отуруп, плитанын үстүндө кайнап жаткан чайын демдеп, мешке оттон салып, көсөөлөп койду да, дасторкон жайды. Кечки тамагын ысытып даярдап, сырттан кирген Колягы таза кийим берди, ал унчукпай кийинип келип отурду. Үнсүз отуруп тамактанышты, босого жактагы жашиктин ичинде турган улак менен козуну акырын карап койду. Жазгы суук өпкөсүн алып кетпесин деп алиге үйгө кармап, эки маал эмизип кайра киргизип коюп жүргөн эле.
- Төлүң жакшы болгон го? - деп эптеп сөз баштоого аракеттенди Коля. - Чоңоюп калыптыр, эми энелерине кошуп койсо болот.
- "Жазгы суук жандан өтөт" деп койот, өпкөсүн суук алып кетсе мал семире албай ооруп калат, март ичи үйдө кармасам мындан да чоңоюп калат.
- Аа-а, ырас эле эшик суук, кыйналган жоксуңбу?
- Жок, кыйналганым жок.
- Эмнеге боюңа болгонун айтпадың?
- Сен кеткенден кийин билдим.
- Көрүнүп жатасыңбы?
- Жок, көрүнгөн жокмун.
- Кой, антпей көрүн, - деп Коля сөзгө келген Тоняга ичтен ыраазы болуп ак дилден айтып турду.
- Коля, кана айтчы, алты айдан бери эмне кылып жүрдүң, жумуш табылбаган соң келе бербейт белең?
- Каражатым жок келе албай калдым, эптеп күнүмдүк акча тапсам карын тойгузам, жатаканага төлөйм…
- Жатаканага жаткан түрүң жок го, баягы көнгөн адатыңча жүрдүң да, дагы кийимиң бүтөлүп, кардың тойгон кезде дейдилигиңди карматып жүрбө?
- Жок, Тоня, андай болбойт, экинчи сенин жаныңдан кетпейм.
- Мейли, акыркы жолу ишенейин, балалуу да болгону турабыз, балага тарбия беришибиз керек. Баса, сенин ата-энеңден калган бир нерсе барбы, туугандарың жөнүндө билдиңби?
- Жок, барганым жок, эң кичүүсү болгонум үчүн үй мага тиешелүү болуш керек эле, балким менден улуу агам жашап жаткандыр… Аа-а эмнеге сурадың?
- Уул болуп калса ата-бабасы жөнүндө айтып, өз эл, өз жерине алып барышыбыз керек.
- Бир аз чыда, Тоня, алар биротоло кечип таштабайт, балалуу болсок чогуу барабыз, - деди Коля, ошентип эки жуп ойлуу отуруп калышты…
Кулубек балдарынын ар бирине өзүнчө мамиле жасайт. Насиятты аларга терең түшүндүрүп, ага бир туугандай карашын суранып да, ата катары талап кылып да отуруп, ортолору бир аз жакшырып калгандай болду. Бул учурда өзү жөнүндө таптакыр ойлобой да калды. Өзүнүн катчысы бар эле, ал эки күйөөгө чыгып тынбай анан аргасы жок, бир баласы менен иштеп жүргөн. Батирде турат. Узун бойлуу, чачы кыркылган кара тору, көздөрү кореянканыкына окшоп, сурмасы жок болсо да көзгө сүйкүмдүү көрүнөт. Уулу Нурдинди коңшу батирдегилерге акысын төлөп каратып, иштеп жүрдү. Кулубек аны кээ-кээде жумушунан кеч алып калганда чыйпылыктап кетет:
- Агай, баламды карашым керек, ал азыр ыйлап калат.
- Эмне, аны ким карап жатат?
- Коңшуларым.
- Бала бакчага бербейсиңби?
- Агай, бала-бакчага бере албайм.
- Эмнеге?
- Акысы кымбат, бир балага төрт миң сом.
- Аа, айлык акың жетпейби?
- Кайдан?
- Болуптур, бүгүндөн кийин эрте барасың, мынабу жарнамаларды сөзсүз бүгүн бүтүрүш керек.
- Макул, - деп Калия аргасыз отуруп калды. Анын түрүн көргөн Кулубектин боору ооруду, баласынан кабатырланып ойлору алагды болуп турган келин менен сүйлөшүүгө эч мүмкүнчүлүгү болгон эмес эле.
- Макул анда, - деди бир аздан кийин Кулубек. - Мен сени жеткирип койойун, бирок эртең эрте келип бүтүргөнгө аракет кыл, жарайбы?
- Жарайт, агай, - деп Калия кубанып кетти. Сурмасыз көзү күлмүңдөп, негедир жүрөгүнө жылуулук тартуулагандай Кулубек аны жалдырап карап калды. Келин анысын байкабады, сумкасын алып, шашыла кагаздарын жыйды да, сыртка жөнөдү. Кулубек аны жанына салып алып, жолдо келе жатканда:
- Кардың ачкандыр, жүрү тамактанып алалы, мен дагы бир нерсе жегим келип турат, - деди Калияны карап.
- Агай, балам ыйлап калат го…
- Бир азга эле, - деп жооп күтпөй эле жолдон буруу жердеги бак ичиндеги барга токтотту. Экөө ээрчише бардын ички бөлмөсүнө кирип отурган соң буйрук берди. - Калия, мен сен жөнүндө билбептирмин, балаң канча жашта?
- Үч жаш.
- Күйөөң кайда?
- Ажырашып кеткем.
- Ошондой де… - Кулубек унчукпай калды, келиндин кабатырланган жүзүн карап туруп, "Эне деген өтө жоопкерчиликтүү болбосо балага кыйын, мунусу эрктүүлүгү да, жалгыз иштеп баласын багып жатканы, демек айлыгы беш миң, эч нерсеге жетпейт", - деп ойлонуп алды. - Батирге канча төлөйсүң?
- Эки миң.
- Оор экен, балаңа да төлөйсүңбү?
- Ооба, айына эки миң.
- Ок ата, анан беш миң сом айлык менен жашап жатам дечи?
- Айла канча, агай?
- Жаман, - деп койду, алдыга келген тамактарды карап, - Кел тамактаналы, - деп өзү эңкейе кашыкты оозуна алып барды. Андан кийин унчукпай отуруп тамактанып, сыртка чыгышты. Унаасын майда көчөлөр менен айдап жүрүп отуруп, бир жерге келгенде Калия:
- Ушул жерде, сизге чоң рахмат, - деди.
- Макул, - деген Кулубек бул көчөлөргө келбегенин билди. Жаңы конуштардын бири. Калия кирип кеткен жакта чурулдаган балдардын үнү угулат. Кулубек унаадан түшүп анын артынан короонун эшигине жетти, узу-ун кылып улай салынган батирдин эшигинде топ балдар ойноп жүрүшөт. Калияны жүгүрүп келип үч жашар уулу кучактап калды. Караңгы айлуу түн, короонун ичинде жарык күйүп турат. Кулубек артына бурулду. "Бу да болсо акча табуунун бир жолу, демек айына бир топ акча тапса керек. Ал эми элдин минтип кыйналып жашап жатканын мен сыяктуулар кайдан билди?", - деп башын чайкай унаасына отурду да, жөнөп кетти. Көз алдына Калияны келтирип алды, "Кай жерлик болду экен, ата-энеси барбы мунун? Эгер болсо уулун ошолор карамак", - деп үйүнө ойлуу келди. Келсе апасы өзүн күтүп жатыптыр.
- Кел, апа, качан келдиң? - деп апасынын жүзүнөн өөп учурашты.
- Кагылайын десе, кыйналып жүрөт окшойсуң, Насиятты Америкага жөнөттүңбү?
- Ооба, апа, кышы менен биерде болду, башынын ооруганына кабатырланам, быйыл операция жасамак болушту.
- Жакшы болуп кетсин, атаң мени сага жиберди.
- Жөн жай элеби?
- Жөн болчу беле, Сейилкандын өлгөнүнө үч жылдан ашты, жакшы эле жүрдүң, ызаат-сыйын жасап, заңкайган эстелик койдуң, эми үйлөнсөң болбойбу?
- Шашылганда эмне, апа? Аны али ойлоно элекмин.
- Сен балдарыңды ойлоп жатасың, сени биз ойлонуп сары санаадабыз, жашың элүүдөн ашты, бойдок жүргөнүң болбойт, балам.
- Туура, эми ойлонушум керек, - деп Кулубек күлүп койду. - Айзирек, чоң энеңе чай бердиңби?
- Ооба, чай ичип сизди күтүп отурган.
- Эс ал, апа.
- Өзүң бирдеме ичсең боло?
- Жок, кардым ток, - деди эле, эне аны кейий карады.
- Балам, атаң экөөбүз жакшы-ы келин таап койдук, ал сага жагат, бир эле баласы бар, үйлөнбөсөң болбойт.
- Апа, азыр эмес, ишим чачтан көп, андан көрө эс ал, мен дагы эс алышым керек, качан кетесиз?
- Сенин убадаңды алмайын кетпейм.
- Кандай убада?
- Үйлөнөм деген, мени жеткирип барып, тиги келинди көрөсүң. - Эне уулун күлүңдөй карады. - Кана убада бересиңби?
- Азыр колум бошобойт да, апа.
- Бошот, атаң сексенден ашты, мен сексенге кирдим, жаштыгыбыз калган жок, өлөөрүбүз калды. Көзүбүздүн тирүүсүндө сени үйлөнтүп, анан өлсөк арман жок эле, уулум, балдарың өзү менен өзү болуп калды, жаман эмес. Актилек Алматыда окуп жатыптыр, эми Айзиректи бир жерге тындырсаң мына бул заңгыраган үйдө жалгыз калбайсыңбы?
- Апа, мени кыйнабагыла, эртең өзүм жеткирейин, бирок муну көр, аны көр деп айтпагыла, - деп бөлмөсүн көздөй басты. "Ырас айтат апам, үйлөнүшүм керек, Сейилкан өзү тирүүсүндө эле уруксат бербеди беле, апамды капалантып койдум, келинин көрсө көрөйүн", - деп спальныйга жатып алып Калияны эстеди. Аны көптөн бери көрүп жүрсө да бүгүн жаңы көргөндөй ойлоно берди. "Ыймандуу келин, жаш болсо эмне экен, эгер мен колун сурасам каршы болбойт болуш керек, сүйлөшүп көрүшүм керек", - деген чечимге келди. Эртеси эрте туруп апасын көрүп басып келди.
- Садага болоюн, - деди эне, анын жүзүндө таарыныч эмес, энелик мээрим турду. - Сени күтүп жатам.
- Эмне болду?
- Балдар уктай берет экен, бул шаарыңарда уйкунун бирдемеси бар го дейм, атасы сен түшкө чейин уктай берет экенсиң, айылда бул убакта эки жолу чай ичип калабыз.
- Мен чай алып келейин, - деп ашканага кирди, кечки тамак бар экен, газ күйгүзүп аны койду. Казан-аяк кармап көрбөгөнгө олдоксон кармап, нан-чайды алып келди. - Апа, кардың ачтыбы? - деп ыңгайсыздана күлүп койду.
- Ачпай анан, тамак да жасап жиберээрсиң? - Эне уулун күлүмсүрөй карады. - Аялдын орду башка-а, балам. Балаң сага эрте туруп өнтөлөп тамак берип, жумушка жөнөтпөйт, бала сенин тапканыңа эгедер гана, ушинтип казан-аяк кармаганың кантип жакшы болсун?
- Апа-а, аны койо турчу, сага чай берейин.
- Мен ачка эмесмин.
- Ичпейсизби?
- Ооба, мени үйгө жеткир!
- Мен ичип алайын, - Кулубек күлкүсү келе кайра ашканага кирип кетти.
- Ишиң болсо кудайга шүгүр, колуңда жок эмес, биз турабыз, бир туугандарың турат, сен үчүн кабатыр болуп жатпайлыбы, - деп эне отуруп калды. Кулубек кечки тамакты ысытып келип, эне-бала таң эртеңки наарын ичип отурушту.
- Апа, аял деп эле ала бергенде болобу, ал кандай неме чыгат, балдар менен тил табыша алабы, менин ысык-суугума чыдайбы?
- Ээ балам аа-ай, балдар эми сага көз каранды болбойт, өз-өзүнчө болуп калды, бир кызды мен өзүм алып кетем. Баарын эле шаардык кылбай бир кызыңды айылдык жигитке берип койобуз. Окуп-чокуганда эмне, баары бир келип, жашоо үчүн күрөшүшөт эмеспи.
- Жо-ок, апа, айылдыкты чанбайм, мен деле айылда өсүп чоңойгом, бирок заманына жараша билим албаса болбойт, - деп Кулубек сөзгө чекит койо ордунан турду. - Мен кийинип чыгайын, апа, сен даярсыңбы?
- Даяр эмей, балам, мен дапдаяр элемин.
- Анда жөнөйбүз, - деп кийинип, сыртка чыгышты. Унаасын от алдырып жанына апасын отургузуп, туулуп-өскөн айылына жол тартты. Жолдо эч кимиси сүйлөбөдү, чимирилген дөңгөлөк зымылдап канчалаган унааларды артына таштап кетип баратты. Үч-төрт сааттык жолдо отургандан бели уюган эне уктап калды. Кулубек апасын бир карап алып, "Картайдың ээ, апаке, дагы эле балдарың үчүн кам көрүп, мээрим төгүп, бизди жаш баладай көрөсүңөр. Биздин адам болуп, өз түйшүгүбүздү өзүбүз тартып, маселени чече турган кезге келгенибизди сезбей кабатыр болосуң. Ээ апа-апа-а, бул жашоо ушундай калыссыз болоорун, сенин уулуң өз сүйүүсүнөн айрылып, канча жылдар бою азап чеккенин, ошол эң ыйык сүйүүсүнүн белгиси катары кызын көрүп билгенде кандай абалда калганын билбейсиң", - деп ойлонуп калды. Аңгыча айылга кирип келишти, айылдын тең ортосундагы заңгыраган кирпич тамдын дарбазасына жетип, унааны токтотту.
- Келдикпи, балам? - деди эне көзүн ачып.
- Ооба. - Кулубек түшүп келип, апасы отурган эшикти ачып, колтуктап түшүрдү. - Чарчадыңбы, апа?
- Эмнеге чарчамак элем, балам, сени ишиңден калтырганым болбосо, - деп ичкери киргенде атасы утурлай басты.
- Балаңды алып келдиңби?
- Ооба, келдик, атасы.
- Жакшы болду, - деп койду атасы.
Жоробек менен Шааркан жети баланы тарбиялап өстүргөн бактылуу ата-эне, уул-кыздары тез-тез келип кабар алып турушат, неберелери үйүнө толуп, алар жок болсо жалгызсырап калат кемпир-чал.
- Айттыңбы балаңа? - деди кемпирин карай Жоробек.
- Айттым, андан көрө тиги тентекти Гүлсүнгө жибер, келип калсын, Кулубегиң кетем деп шаша электе.
- Эмнеге шашат, ушунча келип алып, шашмак беле? - деп ормойо кемпирине караганда ал акырын:
- Ой ал мени жеткирип эле келди, кайра кетет, экөөбүз тапкан келинди көрөйүн деген ою да жок, - деди.
- Ийи, үйлөнө турган ою жок бекен?
- Ошондой, муну эптеп Гүлсүнгө жармаштырбасак үйлөнөйүн деген түк да ою жок экен, - деп жатканда Кулубек кирди:
- Ата, ден-соолуктар кандай, оорубай-сыркабай эле жүрөсүңөрбү?
- Жакшы эле, уулум, бизди коюп, өзүңдү айтчы?
- Баары жакшы, иш болуп жатат, - деди төргө отуруп жатып. - Мен тезирээк кетишим керек, - Ошол кезде эң кичүү уулунун аялы дасторкон жайып, чай алып келди. - Шадыбек үйдө жок беле?
- Ал тоодогу малды көрүп келем деп кеткен.
- Аа-а, мен чай ичпейм, апа, нан ооз тийип эле чыгам, бүгүн зарыл ишимди таштап, сени таарынтпайын деп келе бердим. Бир канча жарнамаларды кетиришим керек болчу, даярдап койдум эле, ансыз сооданын иши бүтпөйт да, бизнес деген бизнес, ата.
- Бир аз отура тур эми, жок дегенде бир чыны чай ичсең, - Шааркан өнтөлөгөн болду. Эшиктен көзүн албай, эси-дарты эле Гүлсүндү келип калса экен деп турган. Гүлсүн деген бою орто, эки бети анардай кызыл, кашы капкара, мурду кайкыраак болгону менен сулуучумак келин эле.
- Жок, апа, ишимден калбайын, - деп ордунан туруп калганда босогодон Гүлсүн көрүндү. Кулубек дароо эле сезди, анткени айылга келгенде анын бой келин экенин угуп жүргөн. - Жакшы тургула, - деди да, чыгып кетти. Шааркан шашыла туруп артынан жетип, унаасын от алдырып айдаганы калган Кулубекке:
- Балам, жанагы келин кандай экен, абдан жакшы келин, ойлонуп көр, балам, - деди эңкейе.
- Жарыктык, өзүм эле табам үйлөнчү келинди, жакшы тургула, апа, таарынба ээ? - деп күлүмсүрөй унаасын ордунан жылдырды.
- Чунак бала, өзүм табам дегенине караганда сүйлөшкөнү бар окшойт, - деп ойлуу узата карап кала берди Шааркан. Кулубек шаарга кеч жетти, кабинетине барбай эле үйүнө келди. Касиет бар экен, улуу баласы чоңоюп, экинчиси колунда.
- Ата, кайда бардыңыз? - деди ал.
- Апаңды жеткирдим, Айзирек үйдө бекен?
- Жок экен.
- Кайда кетиптир?
- Билбейм.
- Ал эмнеси, ушул кезге чейин кайда жүрөт? - деген Кулубек сары санаа тартып калды.
- Келсем үй ачык, ошондон бери отурам, үйдө жалгыз отургандан зериксе кулпулап чыкмак, бул убакытка чейин жүрмөк эмес.
- Мен да ошону ойлоп жатам, күтө туралычы, келип калаар.
- Кайда кетиши мүмкүн?
- Билбейм, ата, билсем отурат белем, - Ошол учурда телефон шыңгырап калды. Кулубек шашыла алып:
- Алло, угуп жатам, - деди эле, эркектин корулдаган жоон үнү угулду.
- Алло, кулдугубуз бар, куда, телефондон айткан туура эмес, силерди кабатыр болбосун дедик, кызыңарды биз уурдап алдык, - дегенде Кулубек үнүнүн бардыгынча жинденип кыйкырды:
- Кандай алып кетсеңер ошондой алып келип койгула, эгер түндөн калса эртең бириңерди койбой соттотом!
- Сабыр кыл, куда, алдыңызга барабыз, кызыңыз менен сүйлөшүп коюңуз, - дегенде Айзиректин үнү угулду.
- Кызым, сени үйдөн зордоп ала качтыбы? - деп чыдай албай кыйкыра сурады:
- Жо-ок, ата, мен Күнболот менен сүйлөшүп жүргөм, кечир мени, ата, мен сизди жакшы көрөм, ак батаңызды бериңиз… - деди эле, Кулубек эмне дээрин билбей делдиреп трубканы кармаган бойдон креслого отуруп калды. Касиет жетип келип, трубканы кулагына такады. Айзирек атасы унчукпай калганда ыйлап жаткан:
- Алло, ким бул?
- Касиет эже, мен Айзирекмин, атам мага нааразы болуп калдыбы, айтчы, эжеке?!
- Сен кайдасың? - Эчтекеге түшүнбөгөн Касиет минтип сураганда Айзирек:
- Мен жигитиме турмушка чыктым, эжеке, мен сизге айтпадым беле, атама түшүндүрүп кой! - деди да, трубканы коюп койду.
- Ата, - деди Касиет, - кыз чоңойсо ушул экен, Айзиректи кечир, ата, бактылуу болсун, Күнболот деген университетте сабак берет, жаман бала эмес, - деп тизесине келип айтып жатты. Кулубек нес болгондой отура берди. Ал баарын көз алдынан өткөрүп жатты. Бир кезде чоң үй-бүлө эле, өзү жумуштан келгенде томпоңдогон балдары алдынан жүгүрүп чыгып, чурулдап калганда кубанычы койнуна батпай кетчү. Улам бирин көтөрүп, өөп жатканда аялынын күлүмсүрөй караганы көз алдына тартылып турду. "Ооба-а, чо-ой үй-бүлө элек, баары кетип жалгыз калдым. Сейилкан болсо башкача болмок, эми мен жалгыз калдым", - деп отурганда Касиет аны ийинден булкулдатып жатты:
- Ата, ата дейм, жакшы элесизби, эмне болду, ата?!
- Эмне болду, кызым? - Элейе кызын карады, түш көрүп жаткандай болду. - Сага эмнне болду, кыйкырдыңбы?
- Сиз эмнеге унчукпай калдыңыз, ооруп калдыбы деп коркуп кетпедимби, - деди Касиет ыйламсырай.
- Коркпо, кызым, мен жакшы элемин, - деп жанында ыйлап турган небересин ала койду. - Ыйлаба, уулум, балдардын эсин чыгарасың, кызым.
- Анан эмнеге унчукпай калдыңыз?
- Мен, мен ойлонуп кеткен турбаймбы, кызым, ошого дагы коркот бекен, Айзирек дагы кеткен тура, - деп Кулубек оор улутунуп алды.
- Ата, Айзирекке капа болбоңуз, кыз деген ошол экен да, акыры кетет экенбиз, бактылуу болсун дейли.
- Кандай жерге барды кызым?..
- Ата, мен Күнболотту билем, университетте мугалим болуп иштейт, ата-энесин билбейт экенмин, шаардын четиндеги айылдардын биринде жашайт болуш керек…
- Сен сүйлөштүңбү?
- Ооба, атам ак батасын берсин деди.
- Менде эмне кеп, кызым, өзү бактылуу болсо болду.
- Эми чоң энеңдерди, жеңемдерди чакырыш керек, эч кимиси жоктой кылбай барып билип келишсин.
- Мейли телефон чал, мен эртең чоң атаңдарды алып келем, барып келгиле, Тимур үйдөбү? - деди Кулубек суроолуу тигиле. Касиет атасына боор ооруп кетти. "Атама жаман болду, эми өзү жалгыз кантет, мени Тимур жиберсе өзүм карап турат элем. Бирок өмүр бою ошентип жүрмөк беле, атам үйлөнүшү керек окшойт, мен акылсыз аял алат десе жаман көрүп жүргөн экенмин. Актилек эми качан келип үйлөнөт, келгенде анын аялы атама жакшы карайбы", - деп ойлонуп калды. Бирок ичиндеги оюн ачык айта алган жок.
Эртеси түш оой баары чогулуп, кыз кууп бармак болуп жөнөп калышты. Нуртилек менен Кимбилеттин аялы экөө тең жаш болгону менен куу, митаам, бири-бирине атаандашып турушат. Экөө тең бармак болду, Касиет менен чоң энеси, Кулубектин агасы Мусабек, иниси Шадыбек баары биригип, он эки киши жөнөштү. Алардын келээрин уккан куда-кудагыйлары дүрбөп эле калышты. Күнболоттун атасы пенсиядагы адам, Абдыжапар, Абдыкапар деген эки бир тууган. Жашоолору абдан жакшы, аялы Майрам өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенген, ак эмгек менен тапкан жетээрлик дүнүйөсү бар. Күнболот үчүнчү уулу. Үйү болсо айыл ичиндеги көзгө көрүнөөрлүк эскиче эки кабат салынган, короосу кенен, бир жагы мал сарай. Абдыжапар туугандарын чогултуп, куда күтүп турушкан, бир кезде үч машина келип токтогондо жаш-кары дебей, аксакал-көк сакалдар жабылып тосуп калды.
- Кулдугубуз бар, кудалар, келгиле, кудагыйлар!
- Кулдук, кудалар, - дегенде Шааркан түшө калып:
- Эч кимиси жок, жетим кызча ала качканыңарга жол болсун, азыр башка убак, дөөдөй-шаадай болгон чоң ата-чоң энеси, керилген атасы бар. Эмнеге жаңыча сүйлөшүп албайсыңар, алып чыккыла кызды, өзү менен сүйлөшөбүз! - дегенде Абдыжапардын аялы Майрам алдыга чыкты:
- Кызды илгертен уурдап алат, кудагый, салт-санааны билбейт экен дебеңиздер, биз да ата-бабадан келе жаткан салтты билебиз. Кыз менен бала бири-бирин жакшы көрөт экен, кызды жүрөктүү киши уурдайт. "Куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш" дегендей уул-кыз аман болсо бардык жакшылык алдыда. Ушунчабыз силерден суранып турабыз, ак элечек энелер, ак сакалдуу аталарыбыз сиздерди үйгө киришиңерди өтүнөбүз, кудалар! - деди эле, Абдыжапар да колун бооруна алып:
- "Кийиз кимдики болсо, жооруган кол ошонуку" дейт, кудалар, кулдугубуз бар, үйгө киргиле. Балдарга батабызды берели, таттуулашып татыктуу кудалардан бололу! - дегенде тургандар кудаларды бирден колтуктап, үйгө карай жөнөштү. Жайланышып отуруп калышканда Шааркан:
- Мен кызым менен жолугуп сүйлөшөйүн, кайда кызым, мени алып баргылачы, - дегенде бир келин колтуктап көшөгө тартылган бөлмөгө алып кирди.
- Чоң эне-е! - деп чоң энесин көрүп эле Айзирек тура калып кучактап калды.
- Кагылайын, көзүңдөгү мончок жаш эмнени айтып турат, өзүң келгениң ыраспы?
- Ооба, чоң эне, сизди көрүп эле…
- Кагылайын секелегим десе, кудай кошконуң менен бактылуу бол, садага, өмүрүңөр узун болуп, жашоонун үзүрүн көргүлө, - деп чачынан жыттап, жүзүнөн сүйдү. Шааркан кайра киргенде баары аны карап калышты эле, ал акырын гана "Ойдогудай", - дегендей башын ийкеп коюп, төргө отуруп калды.
Кыз-күйөөгө ак баталарын берип, жакшы жерге туш болгонуна көңүлдөрү тынып, күйөө бала көөнүнө толуп кайтышты. Кулубектин да санаасы тынып калды.
Бул дүйнөдө не деген гана жакшы мүнөттөрдү өткөрүп, өмүрдөн өткүчө жашоодо өксүбөй өткөндөр бир тең, төрөлгөндөн чекесине жалаң азап-тозокту жазган экен деп өкүнүч менен өткөндөр бир тең. Анын сыңары Кулубектин дагы ата-энеси бардар болуп, жакшы турмушта жашады, эми минтип өз жашоосу да ойдогудай, анча-мынча өкүнүч, арман адам башына келип-кетчү нерсе деп ойлойт.
Чалкарбек байлыкка кө-өп, кыз көрсө көзү кызарып, кызмат десе болгон байлыгын чачып болсо да жетем дегенине жетип көнгөн адам. Кийинчерээк бир жаш кызды саунага алып барып, көңүлүн ачкан. Ошол кыз арыз берип, ал өзүнө өчөшүп жүргөн касынын колуна тийип калганда ары-бери жүгүрүп, тааныштары аркылуу эптеп кыздын ата-энесине барып чоң суммадагы акча сунуштап атып, арызын алдырды. Алтургай: "Мени атайын ушундай деп жаз дешкен", - дедиртип кайра өздөрүн күнөөгө жыкты. Анан президентке жашыруун жолугуп, чет өлкөгө элчи болуп барып, үч жылдай изин суутуп келген. Келип Бийкени таппай калды. Бирок ага өкүнгөн жок, анын көздөгөнү кызмат болгондуктан, кайрадан ар бир эшикке кирип, президентке жолугуп, майлуу-сүттүү орун издеп жүрдү. Абдыжапардын карындаштары болуп кетчү аялы Айымбү. Күнболот үлпөт тойду өткөрмөк болуп баарын чакырган эле. Бул тойго Бийке менен Достук да келген, анткени Бийке Абдыжапардын балдызынын кызы. Бул той шаңдуу өтүп жатканда Чалкарбек кадырлуу адамдардын катарында отурган. Бийке улам кирип-чыгып, колундагы баласы ыйлап отургузбай жатканда байкап калды. Бирок эч нерсе кыла албады, өзүнүн баласы жөнүндө сурамак болду, сурай да албады. "Мындай бала канча аялда калды, ошолордун бири эмеспи", - деп өзүн алдагандай компоюп койгону менен ичи абдан ачышып. жанында отурган Айымбүнү карап койду.
Турмуштун өзү жазыла эле ак барак, адам төрөлгөндөн баштап, актай бети ар бир күнү-мүнөтүнө чейин жазылып отуруп, чоң китепке айланат. Той ортолоп калганда элдин көөнүн бурган үн чыкты. Бул улгайса да үнүнө адамды эрксиз байлап алган Тоня деген атты жамынып жүргөн Токтобү эле. Анын бул тойго кандай катышы бар дээрсиздер. Абдыжапар менен Абдыкапардын Калыбек деген эң кичүү аталаш иниси бар эле. Ал түрмөдөн чыккандан кийин Калыбек атын Коля кылып өзгөртүп, туугандарына да барбай койгон. Абдыжапар менен Абдыкапардын энеси өлгөндө Тойчубай Сыягүлдү алып, андан Калыбек төрөлгөн. Энесинин көзү жок, баргысы келген эмес. Балалуу болуп, баласы бир жашка чыкканда гана Токтобү экөө келген, минтип тойдун үстүнөн чыгышты. Тойдо аны ырдап бер деп суранганынан ал ырдап отурду. Кулубек да таң калып калды. Үнү бийик, салмактуу, көп элдин көңүлүн бурду. Анткени ал бала жөнүндө ырдап жаткан. Чиркин дүйнө, эринин койнунда турмушуна ыраазы болуп жашай бербей ойнош күтө койом деп, жашоосуна кара көлөкө түшүрүп алган бир эле Токтобү эместир. Тойдун арты шаңдуу ыр-бийге, музыкага бөлөнүп, тирүүлүктүн кымбаттыгы, жашоонун кызыгы, өмүрдүн кыскалыгы айтылган ырлар менен коштолду. Эки жаштын бактысы үчүн шыңгыр этип рюмкалар кагышып жатты. Кечки рейс менен жетип келген Насият күйөөсү экөө келип, Күнболот менен Айзиректи куттуктаганга жетишип калышты. Кадырлуу-сыйлуу коноктор тарап, өңчөй жакындары калды, той улана берди. Насият бактылуу бажырая, тагдырына ыраазы болуп сиңдисинин тоюнда отурду. Отуруп таенеси Кайрынсага ичинен ыраазычылыгын айтып жатты. "Балким апам атымды башкача койсо мындай болмок эместир. Насият деген ат мага бакыт алып келди, ушул бактымдан айрый көрбө, кудайым", - деп жалынып туюк гана жылмайып алды. Аны көргөн Кулубек андан бетер бактылуу, "Азада, кызыбыздын ушул бактылуу кезин көрсөң, жакшы болбойт беле, сенин арбагыңа таазим кыламын, өзүңө окшотуп, өзүң сүйбөсөң дагы сулуу кызды белек кылып таштап кеткениңе ыраазымын", - деп улутунуп жибергенин сезбей да калды.
Арадан көп убакыт өтпөй эле Кулубек Калияга үйлөндү, уулу менен үйүнө алып келип алды. Калиянын ата-энеси жок эле, бир жашында ата-энеси жол кырсыгынан каза таап, балдар үйүндө чоңойгон. Күйөөдөн жолу болбой жүргөндө Кулубек аны өзү жактырып, жар кылып алды. Ошентип жарты буюмду бүтөгөндөй экөө бир бүтүнгө айланды. Телегейи тегиз адам болбойт, бирде кемип, бирде толуп, убакыттын өтүшү менен бир нукка түшүп, өмүрдүн кыскалыгын эстеп сыйлашуу менен жашоо өтө берет.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз