Айгүл ШАРШЕН


"Аскадагы азгырык"


- Саламатсызбы, урматтуу ханышайым? - деди.
- Саламатчылык, өзүң кандай келдиң, Иман? - дегенде ал чочуп кетти.
- Менин атымды кайдан билесиз, ханышайым?
- Чочубай эле кой, сен төрөлгөндө Азиздер дүйнөсүнүн пири учуп жүрүп, сенин төрөлгөнүңдү кабарлаган. Маңдай чачыңа анын оозунан шилекейи агып кетип, агарып калганын сен билбейсиң, анда сен жаңы гана төрөлгөнсүң, - деди жарыкка бөлөнүп отурган айдай сулуу кыз.
- А сиз кайдан билесиз? - Иман таңгала сурады.

- Мен жүз жылдап жашап, жыландардын ханышасына айланганмын.
- Коюңузчу, жапжашсыз го?
- Ооба, бизде жүз жылдап жашаган дагы картайбайт, анткени адамдар сыяктуу түйшүк тартпайбыз.
- Кызык экен, - деген Иман чачын сыйпалап жатып: "Ырас эле маңдай чачым аппак го, апам аны алтын көкүлүң бар деп, кичинемде эч кимге көрсөтчү эмес. Көрсө, ал жериме жыландардын пиринин шилекейи тамган тура", - деп ойлонуп алды.
- Иман, сен биздин өлкөнү өз көзүң менен көргүң келеби? - деп сурады ханышайым.
- Аа-а... качан?
- Бүгүн. Мени ханышайым дебестен Азиза дей бер, мага жагып калганыңдан сени атайын алдырып алдым, - деп Азиза аппак көйнөгүн жер чийдире өзүн көздөй басып келе жатты. - Жүрү, сейил бакка.

- Мм.., макул-макул, - деген Иман сулуу менен кадимкидей кол кармаша тегерек чекеси жылдызчаларга курчалып, кооз дарактардын ар бир шагында ар түрдүү куштар учуп-конуп "чырп-чырт, чыйрыт-чыйрыт", - деп сайрап жаткан бакты аралап жөнөдү. Келе жатып бир жеринде оргуштап агып жаткан сууну көрүп таңдана карады. Бир кезде байкаса өзүнүн үстүндөгү кийими да жалтырап, кадимки ханзааданын өзүнө окшоп кийинип туруптур. Качан кийингенин да билбейт.


- Менин сени алдырганыма атамдын ачуусу келип жатат. Мен эркелигимден улам сени адамзатынын кейпин кийип тосуп алдым, эгерде мен буйрук бербесем сени эбак жыландар өлтүрүп коюшмак.
- Сен мени эмнеге алдырдың?
- Жагып калдың, түбөлүк мында калышыңды каалайм.
- Ата-энем эмне болот?
- Аларга биз кайтарган кенчтен каалашынча берүүгө даярмын, сен экөөбүздүн тагдырыбыз бирге!
- Эмне, мен дагы жыландар менен бирге жашаймбы? - деп Азизаны корккондой карай салды эле, ал сүйкүмдүү жылмайып:
- Албетте, - деп койду. - Сен жыландар дебестен Азиздер дүйнөсү деп айткын. Биздин өңүбүздү көрүп адамдар корккондуктан, ачуубуз келип чагып алабыз, болбосо бизден өткөн боорукер, акылдуу жан-жаныбар жок.
- Кызык, чын эле жылан дегенде биз чочулап турабыз, анткени өңү суук, а сени жылан деп атоого болбойт.
- Биз ак жыландардын башчысыбыз, атамдын уруксатысыз бирөөлөрдү чагып алгандар жазасын алышат, - деди Азиза. Кооз бактын төрүндөгү дал мурунку отурган отургучундай орундукка тепкич менен чыгып барды, бирок бул жерде эки отургуч бар эле. - Сен эмнеге токтоп калдың, бул орундук сен үчүн, - деп колун жанындагы орундукка карай жаңсады.
- Аа-а, мен ушундай эле турсам кантет?
- Жо-ок, бул жерге отур, кызыгып бир нерселерге колуңду тийгизип алчу болбо, - деди Азиза.
- Эмне, болбойбу?
- Болбойт.
- Эмнеге?
- Бул адамдар жүрчү жер эмес, дубанын күчү менен сени жыландардан арачалап турам, кел. Мен сага болгон сырды айтып койсом мени жыландар өздөрү кубалап чыгат. Же адамга, же жыландарга кошулбай ортодо калам, а сен менин убалыма каласың.
- Макул, - деп, Азизанын жанындагы орундукка отура бергенде өзүн түрткүлөп жаткан карындашы:
- Ушунча дагы көп сүйлөйсүңбү, уйку бербей койдуң, бүгүндөн баштап мен тиги бөлмөгө жатам! - деп ойготуп жатыптыр, чочуп тура калып, карындашын таңдана карады.
- Акылбү, мен эмне деп сүйлөдүм?
- Кайдан билейин, түшүнүксүз булдурап жаттың.
- Чын элеби?
- Эмнеге калп айтам? - Акылбү чукчуңдай бөлмөдөн чыгып кетти. Көз алдына эмелеки түш тартылып ойгонуп кеткенине өкүнүп алды. Супсулуу Азизаны кайрадан көргүсү келди. Анан ордунан ыкшала турду. Ата-энеси чай ичип отурган экен бирдеме шам-шум этип алып, досторуна ашыга жөнөдү. Төрт досу бар: Талгат, Ринат, Кумар, анан Айдин. Алар бекерчи, отуруп алып карта ойношот, кыздарга тийишип, аларды кеп кылышат. Баары тең курдуу. Каникулда дайым бирге. Мектепте аларды "хулигандар" деп атап алышкан. Бирок Айдин менен Иман жакшы окушат.
Шашыла көчөгө чыккан Имандын оюнан түндөгү түшү кетпей туруп алды. Достору менен жолукчу жерге келсе Айдин менен Талгат бар экен. Кумар менен Ринат жок. Үчөө чогулуп, алардын үйүнө жөнөштү. Ринат эми чыгып келе жаткан экен. Эми Кумардын үйүнө барып, аны ээрчитип алып, ээн сарай жакка кетип баратышканда:
- Балдар, биздин класска бир кыз келип окуйт экен, - деди Ринат.
- Кайдан уктуң?
- Апам айтты, тайкемдин досунун небереси экен, аябай сулуу кыз дейт.
- Көрөбүз, - деп Кумар кол шилтеди. - Биздин кыздар деле сулуу эмеспи.
- Туура, биринен-бири өтөт.
- Бизге алардын кызыгы жок, - деди Айдин.
- Чын эле, сулуу болсо өздөрүнө, - деген Иман түндөгү түшүн эстеп: "Азизага окшогон сулуу кыздар түшкө гана кирет", - деп өзүнчө тамшанып алды.
- Кана бүгүн эмне кылабыз?
- Ойнойбуз.
- Давай акчага ойнойбуз, - деди Ринат.
- Менде акча жок. - Кумар чөнтөгүн сыйпалады.
- Менде дагы, - деп Талгат да аны карады.
- Анда эмне кылабыз?
- Жөн эле ойной беребиз, - дешип, сарайдын ары жагындагы дөңчөдөн орун алышты.
- Кызыксыз болуп калат экен, - деди Ринат. - Балдар, мен силерге бир сыр айтайынбы?
- Кандай сыр?
- Тээтиги зоону көрүп турасыңарбы? - Ал алыс жакты сөөмөйү менен көрсөттү. - Ал зооканын боорунда үңкүр бар деп уккам, үңкүрдө илгерки байлардын алтындары катылган имиш. Азыр аерде бүркүттүн уясы бар экен, бүркүтчү Жолдубай аке жазда бүркүттүн баласын ошол үңкүрдөн кармаптыр. - Баары аңкайып зооканы карап калышты. Иман көргөн көзүнө ишенбей турду. Түндө түшүндө көргөн үңкүр азыр томсоруп, боз булут каптаган. Үңкүрдүн оозу карайып көрүндү. "Кыз-зык, ал жерди жыландар мекендеп алган тура, казынаны кайтарабыз дебеди беле", - деп ойлонуп калганда аны Талгат түрткүлөдү.
- Ээй, сага эмне болду?
- Эчтеке, - деп аларды жөн салды карап койду. "Мен айткан менен силер ишенмек белеңер", - деген ойдо болду.
- Эмне, байлыкты угуп, эсиң ооп калдыбы?
- Жо-ок.
- Анда эмнеге дел болуп калдың?
- Жөн эле, караса болбойбу?
- Андан көрө биз эртең эрте туруп, ошол аскага барбайлыбы?
- Кантип, алыс го?
- Мындай кылабыз, - деп баштады Ринат. - Узу-ун аркан, эки-үч күнгө жете турган тамак-аш алабыз да, тоого чыгабыз. Зоонун башына чыгып арканды байлап, бирден түшөбүз.
- Койсоңчу, бүркүттөр тээп өлтүрүп коюшсачы?
- Мен барбайм, - деди Иман, аны бир күч барба дегендей болду.
- Эмне, коркосуңбу?
- Жөн эле барбайм.
- Коркуп жатсаң барба, кана кимиңер барасыңар? - деп Ринат балдарды карады. - Коркконуңар барбагыла.
- Мен барам, - деди Талгат.
- Мен дагы барам.
- Мен дагы, - деп Айдин менен Кумар айтканда Иман мындай деди:
- Балдар, канча жылдан бери ал үңкүрдү жин-шайтан ээлеп алгандыр, этият болсоңор боло…
- Акылдуусунба, анда бүт Кыргызстандын элине жете турган байлык жатат, аны керекке жаратпай таштап коюшубуз керекпи? Элдин ал-акыбалын ойлоп, сөзсүз ал байлыкты элге бериш керек.
- Сен кызыксың го, элге эмес, эгер табылып калса өкмөткө эле бериш керек, - деди Айдин.
- Өкмөт элге эч нерсе кылган жок, элге пайдасы тийбеген өкмөткө бергиче бей-бечараларга бирдей кылып бөлүш керек. Ансыз деле элдин эсебинен жеп жатканы жетишет.
- Колуңарда тургандай сүйлөйсүңөр да. Ал алтын канча адамдын башын жутканын кайдан билесиңер, андан көрө тынч жүрө берели, - деп Иман көңүлсүз айтты. - Эгер колдон келе турган болсо бизден кыйындар тим турмак беле, алда качан таап алып кетмек, балким алып да кеткендир…
- Көрөгөч болбой сен үйүңдө боло бер, дос, биз төртөөбүз байлыкты таап келсек жабышып жүрбө? - деп Ринат күлгөндө беркилер дагы каткырышты.
- Мейли, айтсам көнбөдүңөр, - деп Иман артка жөнөгөндө беркилер дагы эртеңки жолго даярдык көрүүнү пландап келатышты. Иман унчукпай келе берди. Үйгө келгенде аны атасы ачууланып тосуп алды.
- Кайда жүрөсүң, ыя? Жардам берип койсоң боло, жайлоодогу малдан кабар алганга алың келбей колоктоп жүргөнүң жүргөн. Эмдиги жылы мектепти бүтсөң шаарга кетип колуң тийбейт, быйыл жардамың тийсе боло?
- Эмне кылайын? - Бурк эте суроолуу тигилди.
- Ат-таңдын оозун урайын десе, оройлонгонун кара, ошол мал болбосо окуганыңды көрөм. Бар экен эсирип, кардың тогунан эчтекени ойлобой жүрөсүң, - деп сөгүнүп жатты.
- Тоого барайынбы?
- Ооба, таң заарда чыгып барып, малдан кабар алып кел, кокус өлүм-житим болсо сасытпай туз сеп да, алып кел.
- Макул, - деген Иман үйгө кирди. Кардынын ачканын сезип, бирдеме издеп атып, мискейдеги тамакты таап, ысытып ичти. Анан бөлмөсүнө кирип, чалкасынан түшүп жатып алды. "Эмнеге ал үңкүргө барабыз деп жатат, ал жерди кайтаргандар жыландар болсо оң кылбайт, барбай эле коюшса болмок", - деген ой мээсинен кетпей койду.
Эртеси эрте жайлоого жөнөмөк болуп, ала тургандарын дайындагандан кийин жатып калды. Көзү илинип кетти. Бир кезде баягы үңкүрдү алыстан карап турган экен. Ал жерден бир узун караан көрүнүп, жанында турган балдарды кол булгалап чакырат. Ошондо Ринат аны көздөй жүгүрүп жөнөдү. Иман аны: "Токто, Ринат, барба аякка, токто-о!" - деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Кара терге түшүп калыптыр, коркуп кетти. "Мен аларды токтотушум керек", - деп кыжаалат ойдо жатып, кайра уктап кетсе баягы Азизанын жанында отурат.
- Мен качан келдим? - Кызды таңгала карап, сурап алды Иман.
- Сен менин жанымдасың, - деп жылмайды Азиза.
- Калп, мен үйгө барбадым беле?
- Жо-ок, сен эч кайда барбайсың, сенин досторуң менин атамдын каарына калмак болду.
- Кантип?
- Эчен жылдардан бери басылып жаткан алтын бизге гана тиешелүү, адамзатынын буту жетпеген жерге катылган буюмду эч ким ала албайт!
- Кызык, силер аны эмне кыласыңар?
- Биз жөн гана кайтарып, андан рахат алабыз. Кааласак пейили таза, ач көз эмес адамга анын бир гана тогологун берип койобуз, ач көздөр өз башына өлүм гана табат.
- Ач көз экенин кантип билесиңер?
- Белгилүү…
- Ханышайым, мага уруксат берсең мен кетейин.
- Сен калышың керек.
- Жок, кала албайм.
- Сенден жакшы жооп укмайын биерден чыгарбайм.
- Досторумду кайтарышым керек го?
- Аларды кайтара да, сактай да албайсың.
- Эмнеге?
- Аларды атам кечирбейт.
- Кантип, кайсы күнөөсү үчүн?
- Аны кийин билесиң, - деген Азизанын ийинине кооз чымчык учуп келип конуп сайрап кирди. - Аа-а, тамактанууга барыш керек, жүрү менин сыйлуу коногум болосуң, - деди кыз. Ошол учурда Имандын кулагына: "Сен аны менен тамактансаң биротоло калып каласың, баш тартуудан башка аргаң жок", - деген үн угулду. Иман добуш кайдан чыгып жатканын түшүнбөй, эмне кылаарын билбей элейип турганда Азиза жини келгендей:
- Сени шайтан азгырып жатат, ал биздин душманыбыз. Мейли, бул жолу колдон чыгып калдың, бирок баары бир менин мекенимде калууңа убакыт келет, - деди да, ылдамдай басып кетти. Анын артынан карап туруп, ойгонуп кетти Иман.
- Катуу уктайсың да, балам, качантан бери ойгото албай жатам, кичине сак болуп жатсаң боло, тур, эртерээк жөнө, - деди апасы.
- Азыр, апа - деп ыкшоолоно туруп, кийинип жатып, апасына суроолуу карады.
- Апа, Азиздер деп эмнени айтат? Жыландарды Азиздер дейби?
- Ийи, балам. Жыландардын пири болот имиш, Азиздердин жолуна деп коюшат.
- Аа-а, - деп коюп эшикке чыгып кетти. Бети-колун жууп кирип, апасы даярдап берген тамагын ичип, атка минди да, жайлоону көздөй жөнөдү. Ал кетээри менен төрт досу келип, аны таппай калган соң өздөрү жолго чыгышты. Алар үйдөгүлөрүнө айтпай казык-балта, аркан алып алышкан. Зооканын өзүнө жетиш үчүн толук бир күн кетмек. Күн чыга электе жөнөп тынбай жүрүп отурушту. Жол алыс, жакын көрүнгөн зоокага жетиш үчүн өтө кыйын болду.
- Балдар, өтө эле алыс экен, жолдон бирдемеге кабылып калып жүрбөйлү, кете берсек кантет, же жолду жакшы билбейбиз, - деп Айдин баргысы келбей кыңырылды.
- Ушунча келип алып, айныганың болбойт.
- Бирге чыккандан кийин чогуу болушубуз керек, Имандын бизден бөлүнгөнү деле жетет.
- Чыдашыбыз керек, алтын таппасак да саякаттап келебиз, - дешип, Айдиндин кебине кулак салбай бир аз эс алып алышып, кайрадан жолго чыгышты. Түш ооп калган. Бир кезде аларды эки жылан жолго туурасынан жатып, тосуп калды. Балдар буйтап өтүп кетмек болсо да алар улам ышылдап башын өйдө көтөрө алдыларын торой берди. Ошондо бири таш менен бири балта менен чаап, эки жыланды өлтүрүп коюп, андан ары жолун улашты. Кете беришип, кеч болуп кетти. Ыңгайлуу жер таап, эптеп жатып калышты. Түнү бою ар кимиси өз-өзүнчө коркуп, оңчулуктуу уктай алышкан жок. Эртең менен таштан кемеге жасап, чай кайнатып, ала келген нандары менен чай ичишти. Анан кайра жолго чыгышты. Дегеле жол арбыбайт, зоокага качан жетишери белгисиз.
- Чарчадык, мен кайтам, - деди Айдин.
- Ринат, кетсек кантет? - деп Кумар аны суроолуу карады. - Биз азыр жаштык кылат экенбиз, кийин келсек кантет?
- Силер баарыңар кайта бергиле, мен жалгыз барам.
- Ринат, сен бекер кыласың, келээрки жылы жакшылап даярдык көрүп, анан барсак акылга сыйбагандай чоң байлык таап келебиз.
- Жо-ок, мен бул оюмдан кайра тартпайм, силер бара бергиле, - деп көшөргөн Ринат беркилерди укпай басып кеткенде аргасыз артынан жөнөштү. Түш оой зооканын түбүнө жетип:
- Эми үстүнө чыгууга туура келет, - деди Ринат.
- Ал үчүн дагы бир күн керек го?
- Жо-ок, тездесек кечке жетебиз да, эртең эрте үңкүргө аркан таштайбыз.
- Көрөлү, - деди көңүлсүз Айдин.
- Эптейбиз да.
- Ушунча келип калдык, акырына чейин чыдайлы, - дешип, Ринаттын артынан илкий зооканын боору менен тырмышып чыгып баратышты. Капыстан алдыда кетип бараткан Ринаттын алдынан чыга калган жылан башын көтөрүп, "ыш" этти да, колунан чагып алып, сойлоп кетти. Ринат "Аа-а!" - деп бир бакырган бойдон ылдый кулады. Тигил үчөө жалдырай карап туруп калышып, артка жөнөштү. Жерге түшүп, шашыла Ринатка жетип, башынан сүйөй жардана карап калышты:
- Ринат, көзүңдү аччы, Ринат!
- Ач көзүңдү, Ринат! - дешип үчөө үч жактан чурулдашты. Көзүн ачып, онтологон Ринат:
- Кеткиле, биерде турбагыла, - деди эле алар Ринаттын кийимин чече коюп карыдан өйдө дардайып шишип баратканын көргөндө коркуп кетишти. Айдин анын кызара кан чыгып турган жерин тизелей калып соруп түкүрдү. Үчөө тең бир-бирден соруп түкүргөндөн кийин көйнөгүн айрып, карыдан өйдөрөөктөн чытырата бекем таңып, көтөрүп жөнөштү. Ринаттын онтогону күчөп жатты. Эки түнөп, араңдан зорго айылга жетишти. Чыканактан ылдый көпкөк болуп кеткен, үйүнө ата-энесине жеткирип келишти. Баласынын абалын көрүп эле Ринаттын апасы:
- Кокуй-кокуй, эмне болду?! - деп чырылдап-чыркырап жиберди.
- Ойноп жүргөнбүз, Ринат бир жыланды өлтүрүп койгон, анан дагы бири келип чагып алды, биз анча-мынча уусун соруп түкүрдүк.
- Доктур чакырталы, - дешип айылдык врачты чакырып келишти. Эч нерсени билбей онтоп жаткан Ринатты көргөн врач: "Уунун жартысын соруп салбаганда ошол жерден үзүлмөк, жүрөккө жетип калыптыр", - деп өйдө болду. Чырылдап ыйлаган бир туугандары менен атасы аны түндөсү колунан учуруп ийишти. Эки күндөн кийин Иман үйгө келип угаары менен дароо жетип келди. Аны көргөн достору алдынан утурлай чыгып:
- Сен туура кылыпсың, тилиңди алганда бул иш болбойт эле, - дешип, отун-суусуна жардам берип жүрүштү. Имандын көз алдында үңкүрдүн оозундагы караан турду. "Демек, ал Ринатты алып кеткен экен", - деп ойлонуп балдар менен кошо кол кабыш кылып жүрдү. Эртеси өлүктү жерге бериш үчүн табытты мүрзөгө алып барышканда, анын жаңы казылган жайынын тегерек чети жыландарга толуп кетиптир. Молдо куран окуп, Азиздерге арнап бата кылгандан кийин дуба окуду эле, жыландардын баары жылып-жылып жок болду. Ошондон кийин сөөктү көмүп кайтышты. Үч күнгө чейин эртең менен куран окуп келгендер мүрзөнүн айланасында жүргөн жыландарды көргөнүн айтышты. Иман үйүнө келип, капалуу бөлмөсүнө өттү. Аны көргөн апасы Сыйда:
- Досуңа кайгырдыңбы, уулум? Жаман болду бечарага, ээн талаага эмнеге барышат, - деди кейий. Ал дал ошол күнү баласынын алардын арасында болбогонуна ичинен кубанып жаткан. Атасы Ботобек дагы жайлоого жиберип ийгенине өзүнчө ыраазы.
- Апа, Азиздерге куран окуса кечиреби?
- Эмнеге сурадың?
- Деги да.
- Кечиримсиз эч нерсе болбойт, уулум. Жыландар адамдын этин жыйрылткан түр суук болгону менен кечиримдүү болот, катылбаганга катылбайт.
- Алар эки жыланды өлтүрүп коюшуптур да.
- Бала да, тийишип бекер кылган, жыландар кууп жүрүп, өч алышат.
- Чын элеби? - Иман чочуй карады.
- Ооба, уулум, азиздер абдан ачуулуу макулуктар, тили жок, өчөшкөндөн өч алмайын тынчыбайт, - деп Асылбү өз ишине киришти. Иман ойлуу жатып калды. Убакыт билинбей өтүп, окуу жылы башталды. Онунчу "а" класстын окуучулары биринчи күндөн эле Ринатты эскерип кеп кылып атышты. Ринаттын жакшы көргөн кызы Аймира ыйлап, аны кыздар сооротуп жатты.
- Аймира, ыйлабачы эми, эми эмне кылабыз, сенин тагдырың али алдыда. Ринат жакшы бала болчу, анан эмне кыласың, ыйлап өзүңдү эле кыйнайсың, - деди Рано деген кыз.
- Мен аны жакшы көрчүмүн, Рано, эми кантип унутам?
- Убакыт өзү эле унуттурат.
- Билбейм, - деп көз жашын аарчыды Аймира. Ошентип класс ичи бака-шака түшүп жатканда мугалим кирди. Аны көрүп, баары тынчый орду-ордуна барды.
- Саламатсыңарбы, балдар, жаңы окуу жылыңар менен!
- Рахмат, агай, - дешип жалпы бир ооздон айтышты.
- Өкүнүчтүү, ушул окуу жылында бир окуучубуздан айрылып калдык, Ринатты эскерип койолу, - деди эле, баары туруп, баш кийимдерин алып, бир мүнөт тунжурай эскеришти. Андан кийин сабак башталды. Окуучулардын шыбыры көптө барып басылды. Сабактан кийин Иман, Айдин менен Кумар болуп өздөрүнчө жолдо сүйлөшүп турушту, Талгат дагы бар.
- Күндө түшүмдө бир жылан мени кууп жүргөн болот, коркуп чочуп ойгоном, - деди Айдин досторуна карап. - Иман, сен ырас барбайм депсиң.
- Ошону айтсаң, менин дагы уйкум оңдуу эмес, түшүмдө ошол асканын түбүндө жүрөм. Ринат бир киши менен өйдө жакта туруп алып, мага колун булгалайт, мен чыгам деп чыгалбай убарамын, - деди Кумар дагы.
- Эч ойлонбогула, андай түштү мен деле көрүп жүрөм, коркуп калганбыз да. Баягүнү төртөөбүз бирге жүрүптүрбүз, Иман эле жок, - деди Талгат. - Анткени шумдуктун баарын өз көзүбүз менен көрбөдүкпү.
- Чын эле коркконду айтпа, эмдигиче көз алдымда, - деп үчөө сүйлөп жатканда Иман токтоо гана:
- Силер аябай жаңылдыңар, мен барбагыла дегенде токтотуш керек болчу, эми этият болгула, - деп коюп, үйүн көздөй басты.
- Бул соо эмес, куду көзү ачыктай болуп өзгөрүп калды, болбосо эң биринчи ушул баштачу эле го? - деп Айдин беркилерди карады. - Келгиле Ринаттын мүрзөсүнө барып, анын жанында жыландар жүрсө кечирим сурайбыз?
- Эмне деп, алар сенин тилиңди түшүнүп коюптурбу, андан көрө ата-энебизге айталык.
- Жо-ок, болбойт, алар укпай эле коюшканы оң.
- Анан эмне кыл дейсиң?
- Болбосо ошол жыландардын баарын кырабыз.
- Болбойт! - деди узай элек Иман. - Баскыла үйүбүзгө тарайбыз, эртең сабакка барабыз да. Ошондуктан ар бирибиз даярданышыбыз керек, жанагы жаман оюңардан кайткыла.
- Сен, Иман, абдан өзгөрдүң.
- Чын эле сенин көзүң ачылып жаткан жокпу?
- Кана, андай болсо эми кезек кимибизде, айта аласыңбы? - Айдин Имандын маңдайына келди. - Ушу сен Ринаттын өлөөрүн дагы билген окшойсуң?
- Болду, жокту сүйлөбө, үйгө кеттик, - деп Иман Айдинди тыя сүйлөдү.
- Кой, балдар, үйгө барганыбыз оң, жүргүлө кеттик, - деп Кумар айтканда баары унчукпай жөнөштү. Иман үйүнө келип, атасына жардам берип жүрдү, жакында колго келе турган малдын короолорун оңдоп, түзөп жатышкан. Кечки тамактан кийин сабагын даярдап, анан ордуна жатып калды. Ал көзүн жумбай шыпты тиктеп ойлуу жаткан. Уктагандай болгон жок. Уйку-соонун ортосунда аны бир күч көтөрүппү же жетелеппи кайдадыр алып бараткандай болду. Тартынып, барбай коюуга далбас урду, бирок алы келбеди. Бир кезде ал кең, жапжарык бөлмөгө туш болду. Босогодон аттап эле туруп калгандай болду. Анткени аерде бир ак сакалы жайкалган адам Манас айтып жатыптыр. Эки жагында куралчан жомоктогу, сүрөттөрдөн көргөнгө окшош аскерлер, айбалтасы жаркылдайт, көңүл бура караса тегереги бүт аскер экен. Манас айткан адамдын жанында дагы үч-төрт адам отурат. Алар улам манасчыны кубаттап-коштоп жатышты. Иман босогодо баарына көз салып тура берди.
- Ап баракелде, Манасты келтирип гана айтасың да, - деди бири.
- Мына көрбөйсүңбү, булар мени атайын кайтарып турушат, бир гана Манастын өзүн көрө албадым, булар кырк чоросу, - деди Манас айтып токтогон киши.
- Эмнеге сен Манастын өзүн көрө албадың?
- Ошого өзүмдүн да көзүм жетпейт, Семетейди көрдүм, Күлчорого жолуктум, эң чоң арманым Манасты көрө албаганым, - деп башын ылдый сала бир аз отурду. Анан босогодо турган баланы көрүп: - Ой, бала, бери келчи, сен кайдан жүрөсүң? - дегенде Иман басып келди, анда коркуу сезими болгон жок. - Сени биерге ким алып келди? Биерге келээр убактың боло элек го?
- Мен алып келдим, - деди сол жагындагы турган аскер ийиле.
- Эмнеге?
- Бул баланын дили таза, анын үстүнө Манас айтаар түрү бар.
- Ошондой де, отурчу жаныма, - деген ак сакалчан киши Имандын жүзүнө үңүлө карады. - Оозуңду аччы. - Бала оозун ачканда ал түкүргөндөй болду, бирок Имандын оозуна түкүрүк эмей эле кум куюлуп кеткенсиди. Какап-чакап атканда кумдун жарымы оозунан төгүлүп калды. - Бар эми бара гой, бир аз болсо дагы элдин эрмеги бол, какабай жутканыңда бүт баарын алып калат элең, - деп манасчы аны далыга таптаганда жаткан жеринде көзүн ачты. Дубал боорундагы саатты караса он экиден үч гана мүнөт өтүптүр, ал он экиде бир караган эле. Жүрөгү туйлап калыптыр. Оодарылып жатып, уктап кетти. Кайрадан түш көрдү: айланасы толгон эл, чок ортосунда өзү күпүлдөп Манас айтып жатыптыр. Жарым-жартылай айтып келип эле акырына чыкпай ойгонуп кетти. Көрсө, жанында карындашы, апасы менен атасы тегеректеп алыптыр:
- Балам, сага эмне болду, Манас-Манас деп эле бакылдап жатканыңдан ойгонуп кеттик, - деди Сыйда жанына отуруп. - Кудай колдосун, балам, Манас атанын арбагы колдосун.
- Ошенттимби, апа, ойготпой койо турсаңар болмок, эмнеге ойготтуңар? - деп терс бурулду.
- Ботом, коркуп кетпедикпи биз, мындайың деле жок эле…
- Бара бергиле, мен эмне жаш бала белем? - деп бурк этти Иманбек.
- Башыңа бычак коюп алчы, балам, - деген камкор эне чочулай өзү барып, бычак алып келип, жаздыгынын астына жаздап, үстү-башын кымтылай ордуна кетти. Ошол түнү Иман дагы таң атканча Манас айтып чыкты. Жанына келип ойготмок болгон ата-энеси өйдө кылса дагы болбой көзүн жумуп алып, Манастын ар кай жеринен айтып бакылдай бергенде корккон Сыйда менен Ботобек карап отурушту. Таң атаары менен улак союп, колу-коңшусун чакырып, түлөө өткөрүштү. Ал учурда Иман эч нерсе билбей уктап жаткан. Анын атын чоң атасы атайын ыймандуу жигит болсун деп, Ыйманбек койгон эле, өздөрү Иман деп көнүп калышкан. Эт тартылып калган кезде жаткан жеринен өйдө болгон Иман эки колун эки жакка жаңсап Манас айта баштады. Көргөн эл таң калып, анын бөлмөсүнө жарданышты. Көзү жумулуу, эч нерсе сезбей мандаш токунуп алып, эки колун эки тизесине коюп, кара терге түшүп айтып жатканын көргөндө жакаларын кармана, "то-оба", - дешип шыпшынышты. Айыл аксакалдарынын эң улуусу, жашы токсонго барып калган Жусуп карыя жарданган элге кайрылды:
- Эчтеке көрбөгөндөй бул эмнеңер? Жаш баланы кайтарып койосуңар, кудай өзү берип жаткан экен, Манас атанын арбагы өзү ишарат берген экен. Жөнөгүлө, көп карабагыла!
- Ооба, кой кетели, - деп бири-бирин түрткүлөй чыга бергенде Иман шалак жыгылып, оозунан көбүк чууруп жатып калды. Сыйда баласына эки аттап жетти, Ботобек молдого чуркады. Молдо дем салгандан кийин Иман кайра көшүлүп уктап калганда өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту.
- Бул балага чоң манасчынын арбагы ишарат берген экен, этият болгула, токтоно албай калып жүрбөсүн, - деди молдо.
- Эмне кылабыз эми, жакшы болуп кетээр бекен? - деди Сыйда кабатырлана.
- Коркунуч жок, болгону көптүн ичине алып барбагыла.
- Кудай сактасын, кемпир, корко турган эчтеме жок экен, өзүбүз карап сак-сактап турушубуз керек, - деди Ботобек токтоо. Сыйда ичтен кудайга жалынып унчукпай калды. Бир жумадай сабакка барбай үйдө ооруп жатып, анан окууга барды эле, классташтары аны жабылып суракка алышты. Айрыкча Айдин менен Кумар, Талгат үчөө үч жагында:
- Сен манасчы болуп калдыңбы, Иман?
- Бирдеме болуп жүргөнүңдү билгем.
- Ой койгулачы, Иманды тынч койгула, ансыз дагы рухтар менен алпурушуп чарчагандыр, - деп Айдин айтканда баары күлүп калышты. Иман ошол жерден талмасы кармагандай көгөрүп жатып калды. Коркуп кеткен окуучулар мугалимди чакырып, аны баарылап үйүнө жеткиргенде Ботобек менен Сыйда эшикте жүргөн. Көрүп эле чочуп кетишти… Иман өзүнүн жыгылганын деле билбеди, болгону ал кооз айдыңда каалгып бара жатты. Төтө жол менен баратып, өзүнүн эки жагында жыландар улам башын көтөрө коштоп келатканын көрдү. Алар Иманды эски таанышындай жандап алышыптыр. Ошол кезде көздү уялткан жарык пайда болуп, алды жагынан Азиза көрүндү.
- Иман, эмнеге мени ойлобой калдың? - деди ал сүйкүмдүү жылмая.
- Ыя?
- Сен мени такыр эсиңе албадың.
- Билбейм, кантип келдим биерге?
- Келгиң келген эмес беле?
- Жок…
- Анда эмнеге, Иман?
- Билбейм.
- Макул, мукактанбай эле кой, жүрү бакка сейилдейбиз.
- Кетишим керек.
- Жо-ок, мен сени кетире койбойм, качан мен толук кандуу адам болмоюнча кетпейсиң. Мен тилегиме жетпей калсам сен бул жерде каласың.
- Эмнеге?
- Анткени адамдын дидарын көрүп туруу мен үчүн пайдалуу, эгерде мен биротоло адамга айлана турган болсом экөөбүз чогуу кетебиз.
- Кантип айланасың, ансыз деле адам болуп турбайсыңбы? - Иман таңдана суроо берди.
- Жо-ок, мен убактылуу гана адам кейпин кийдим. Сен бул көргөнүңдү эч кимге айтпашың керек, үч жолу же жети жолу кездешебиз. Ошол убакытта сен көргөнүңдү айтпасаң, мен адамдардын бүт кыймылын жасай алам жана биротоло адамга айланышым мүмкүн. Эгерде сен бир эле адамга оозуңдан чыгарсаң, анда сени менин жөкөрлөрүм чагып өлтүрөт.
- Мен эч нерсе айтпайм.
- Ошонуң жакшы.
- Сенин жылан экениңе түк ишенбейм, - деди Иман күлө.
- Аның ырас, мен атамдардан суранып жатып ушул абалга айлануунун дубасын үйрөнгөм, болгону эки саатка…
- Эки сааттан кийин эмне болосуң?
- Жыланга айланам.
- Ишенбейм, кандай жыланга айланасың?
- Ак жылан, биздин урук ак жыландардын ордосу…
- Ордоңор ушулбу?
- Бул мен жүрүүчү, көңүл ачуучу бакча, атамдын ордосу мындан ары турат, - деп бакта ары-бери учуп, бактан бакка конгон чымчыктарды карап койду. - Менин атам мен ургаачы болуп төрөлгөндө абдан капа болгон экен.
- Эмнеге?
- Ордумду басаар эркек болсо эмне деп.
- Кызык, адамдар сыяктуу элеби?
- Биздин да жашообуз адамдардыкындай эле, болгон айырмабыз адам айры буттуу болгондуктан басып жүрөт, а биз буту-колубуз жок жаралгандыктан, жер үстүндө сойлоп калганбыз. Бир кезде жан-жаныбарлар жаңы гана жаралганда биз да эки аяктап басып жүрчү экенбиз, кудайым бизди сойлоп жүрүүчүлөргө айланткан тура.
- Жомок, мунун баары жомок, - деген Иман ишенбей терс бурулду. Ошол кезде караңгы боло түшүп, ал Азизаны таппай калды. Көзүн ачса жанында ата-энеси үрпөйүп отуруптур, молдо дем салып жатыптыр.
- Кудай, айланайын кудай, уулум көзүн ачты! - деп Сыйда Иманды кучактамак болгондо молдо тынч отургула дегендей колун көтөрүп койду эле, Ботобек аялын кармап калды. Аларды караган Иман башын көтөрө:
- Мага эмне болду? - деди таңыркай.
- Эчтеке, балам, тынч жата бер.
- Эмнеге тегеректеп алдыңар, мен жакшынакай элемин го?
- Жакшы элесиң, уулум, кичине дем салдырып койолу дедик, - деп Ботобек колун кармалады.
- Бул уулуңар арууланып калыптыр, жыландардын уюгуна тийип койсо керек, - деди молдо окуганын токтотуп.
- Карангү-үн дагы эмне дейт, үйгө жолобой эле жанагы досторуң менен жүрө бересиң, кудай ай, кудай, - деп Сыйда кейип-кепчип кирди.
- Мен эчтеке болгон жокмун! - деди Иман терс бурула. Ошол жылы мектепти бүтмөк. Бирде барып, бирде ооруп барбай жүрүп, жыл аягында эптеп экзаменин тапшырды. Ал негедир алы кетип, шалдырап баратканын сезген жок, эч нерсеге көңүлү чаппай, же достору менен көп жолуга албай үйдө жүрө берчү болду. Сыйда бир нече ирет Азиздердин жолуна деп шам жагып, токоч жасап да таратты. Мээ кайнаткан ысыктын күнү эле, бөлмөсүнөн чыгып келе жатып веранданын кырында мойнун койкойтуп өзүн карап турган аппак жыланды көрүп, чочуп кетти. Көзүн тартып ала албай арбалып туруп калды. Жыгылып калаарда сырттан кирип келаткан апасы жөлөй калды:
- Балам, сага эмне болду?
- Эчтеке, - деп түзөлө калып, шыпты караса жылан жок. Эс ала түштү. "Жөн эле көзүмө көрүнсө керек", - деп сыртка чыгып кетти. Сыйда чочулап, анын кадамынан калбай көз салып калды. Сырттан ышкырык чыкканынан караса достору, алар дагы айылда калган эле. Кубанып алаксый алар менен сүйлөшүп турду.
- Биз үчөөбүз иштемек болдук, сен иштейсиңби? - деди Айдин.
- Эмне иш?
- Кирпич куябыз.
- Каерден?
- Абыш акенин кирпичин куябыз, алар жаңы үй салат экен.
- Атама кеңешип көрөйүн.
- Кеңешкенде эмне, акча таап келсең сүйүнбөйбү?
- Жок, кеңешейин.
- Макул, эгерде иштей турган болсоң эртең барып кал.
- Ооба, уруксат берсе сөзсүз барам, - деп Иман кала берди. Айдиндер узап кеткенден кийин үйгө кирип келе жатып, негедир күдүктөнө дагы артына кайрыла берип, шыпты карады. Эч нерсе жок, эс ала түштү. Негедир уктагандан да коркчу болду. Жатып алып, ойлоно берет, акыры көзү илинип, уктаганын да сезбей калат. Ал күнү ойлонгон деле жокпу же уйкусу катуу келгенби, айтор башы жаздыкка тийээри менен эле уктап кетти. Түшүндө достору менен баягыдай эле ойноп жүрүшүптүр. Ойноп жатып эле Ринат Кумарды: "Жүрү мени менен, экөөбүз тигил жакка барып келеличи", - деп барбайм дегенине болбой сүйрөп жөнөдү. "Кайда барасыңар, ойногуңар келбей калдыбы? Анда карап тургула, биз ойнойбуз", - деп Айдин кыйкыргыча Ринат менен Кумар артын карабай жүгүрүп көрүнбөй калышты. "Жүрү биз дагы алар менен барабыз", - деп Талгат айтканда Айдин болбой койду. Үчөө улам артын карап коюп үйлөрүн көздөй жөнөгөндө Иман артын карап бакырып жиберди. Ал баягы зооканы көрдү, ал жердеги баягы кара кийимчен караандын жанында Ринат менен Кумар турат. Бирдеме деп сүйлөп жатты, бирок өзүнө угулбады. Тигилер үңкүргө кирип, көрүнбөй калды. Зооканын этегин караса Талгат, анын артында Айдин чыгып баратыптыр. Үнүнүн барынча аларга бакырып, экөөнү чакырып жатты, бирок алар аны укпагандай тырмышып кете беришти. Чочуп ойгонгон Иманды саксактап жанында жаткан Ботобек кармай калып:
- Ай-ай, уулум, келме келтир, келме келтир, - деп башынан сылай өзү келме келтирип жатты.
- Ата, ата, коркуп жатам, Кумар…
- Эмне болду, Кумар түшүңө кирдиби?
- Ооба, Кумарды… Кумарды, - деп аптыга эч нерсе айта албады.
- Мейли, досторуң ойлонуп койгондур, эчтеке эмес, - деп туруп барып, чыныга суу алып келди. - Муздак суудан ууртачы, балам.
- Ата, - деп чыныны кармаган колу калчылдап зорго ууртады да, - Ата, корком, Кумарга эмне болду… - деп башын жерге салган бойдон отуруп калды. Бир аздан кийин жүрөгүнүн лакылдаганы басылып кайра жатты. Андан кийин түш көрбөй тынч уктады. Эртеси досторуна бармак болуп, кайра айныды. "Көзүң ачылып жатабы?" - деп шылдыңдашканын эстеп, тынчы кете үйүндө жатты. Кечке маал Ботобек сыртта жүрүп:
- Бул баланы жакшы билген бирөөгө көрсөтпөсөк болбойт, бул бирдемени билет окшобойбу, тигил Кумарды дагы жылан чагыптыр, аман калаары күмөн дейт, доктурга алып кетиптир! - дегенин угуп калды. Ошол жерден бакырып, эшикке чыгып келгенде Ботобек аны кармап калды.
- Ата, Кумарды Ринат алып кетти, токтоткулачы аны, Кумарды алып калгылачы! - деп бакырып, жулунуп жатып, эси ооп жыгылды. Ата-энеси андан чочуп, колу-коңшусу да корко баштады, аны жин кесел болуп калгандай сезип турушту. Бирок ошонун эртеси ырас эле Кумарды врачтар сактай албай калып, сөөгүн алып келишти. Иманды ага жиберишпеди, кайтарып калышты. Ал эч ким менен сүйлөшпөй да калды. Ботобек шаардагы улуу баласын чакыртып алды:
- Балам, муну эмне кылабыз, минтип ооруп калаарын ким билди, доктурга көрсөтсөкпү же бүбү-бакшыга алпаралыбы?
- Ата, бүбү-бакшыга ишенбей чоң доктурларга көрсөткөн оң, андан көрө мен шаарга алып кетейин, - деди Буланбек.
- Оорусунан чочулайм, бүбү-бакшы жакшы го дейм?
- Жок, врачтар жакшы, - деп болбой Иманды алып кетмек болду эле, Иман эч көнбөй койду.
- Менин ден-соолугум таптаза, эмнеге көрүнмөк элем?
- Жөн эле текшерилип келбейсиңби?
- Эч жакка барбайм.
- Ой, бала, атамдардын эсин чыгарбай врачтарга көрүн, мен өзүм көрсөтүп, кайра жеткирип койом.
- Эч жакка барбайм дебедимби? - деп Иманбек бөлмөсүнө кирип жатып алды. Буланбек унчугалбай кайра кетти. Имандын кыйкырганын уккандар айтышкан экен Айдин менен Талгат ага жолобой калышты. Ошондон кийин Иман кадимкидей боло баштады. Аны күзгү майрамда айыл өкмөтү Манас айтып бер деп чакыртты. Бала макул болду. Жыйналыш болгондон кийин бирин-экин айылдын жаштары ырдап-бийлеп, Иманга кезек келди. Элдин алдына чыгып малдаш токунуп отурду дагы айта баштады. Улам күчөп барып көчүгү менен жылып, өңү кара көк болуп токтолбой калганда аны үчөө-төртөө кармап алып кетишти. Эл аябай ыраазы болуп, кеп кылып жатышты.
- Капырай, буга бир шыпаа келген экен, токтоло албай жүрөт бечара.
- Ошону айтсаң, болбосо ата-тегинде жок мындай, Манас айтмак турсун, ата-энеси отурушта ырдап көрбөгөн.
- Кызык, Манас атанын арбагы колдосо керек, жакшылап көрсөтсө болмок, баланын убалына калбай, - деди бир аял бирдемени билгенсип.
- Кимге көрсөтөт?
- Көзү ачыккабы же бакшыгабы көрсөтүп, же Манас атанын арбагына куран окутушу керек.
- Ырас эле, айтпаса алар кайдан билет, ансыз дагы жаман болуп жүрүшөт имиш.
- Анан эмне, жакшынакай баласы соо эмес же оору эмес болуп калса, - дешип ар кимиси ар кандай сөздү айтып жатышты. Ботобек дагы жөн жаткан жок, жайлоодон бир жылкы алып келип сойду да, эл чакырып өтүп кеткен манасчылардын атына, Манас атанын арбагына багыштап куран окутту. Ошол эле учурда Манас айтып жүргөндөрдү алдыртып, уулуна алардан бата алды. Алар менен отуруп Иман Манас айтты, бул жолу ал токтоо айтып, өз убагында токтоду. Өзү да эс ала түшкөндөй болуп, ал күнү тынч уктады. Кадимкидей болуп калган. Кыштын күнү эле. Эрте турган Ботобек Талгаттын өлгөнүн укканда өзү да чочуп алды. Иман дагы угуп калабы деп Сыйданы чакырып чыгып, мал короого алып барды:
- Талгат кечээ тоодогу субай малын көргөнү барып, көчкүдө калып өлүптүр. Кудай уруп, чогуу жүрүштү эле, бешөөнөн үчөө өлдү, кемпир. Иманды жер котортуп, шаарга алып кетсек кантет?
- Оо Жараткан, эмне болуп кетти деги, курган чечектер ай, буларга эмне болду, эми эмне кылабыз? - Сыйда ыйлап ийди.
- Кудай дейли, кемпир, Иманга угузбай эле койолу, дагы бирдеме болуп жүрбөсүн.
- Кудай, айланайын кудай, сактай гөр, - деп үйүн көздөй басканда алдынан Иман келе жатыптыр.
- Эмне болду, апа? Талгат…
- Билбейм, уулум, - деп Сыйда тайсалдай түштү.
- Жашырбай эле кой, апа, мен мурун эле билгем, эми Айдинди сакташ керек… - деп Иман ары басып кетти.
- Эмне дейт, оо кудай, билгени эмнеси?! - деп Сыйда уулунун артынан делдейе карап кала берди. Иман кийинип алып, эл катары өкүрүп барды, аерде эми Айдин жүргөн эле. Экөө салкын учурашкан болушту. Анын жанында турган Иман:
- Зооканын ээсинин кылганы, алтын жаткан жер, канчалаган адамдын каны менен катылган байлык эч кимге опаа болмок эмес… - деди жай.
- Ооба-а, менин да кезегим келе жатат окшойт, ошондо сенин тилиңди неге албадык, корком, Иман…
- Коркпо, алдын алышың керек.
- Кантип? - Айдиндин көздөрү жайнай түштү.
- Сен эртең сөөк коюлгандан кийин мага бар.
- Макул, Иман, сен айткандай кылайын.
- Мен кеттим, - деген Иман жооп күтпөй эле жөнөдү, Айдиндин көзүнө ал кудайындай эле көрүндү. Ал бир жолу эмес, көп жолу бир түштү көргөн. Ошол түш ар качан кире берет. Акыркы көргөн түшүндө Ринат үңкүрдөн аркан таштап чыгалбай жаткан Талгатты тартып алды да: "Эми сени да тартып алам, шашпай тур, чогуу болобуз", - деген эле. Ошол түшү таптакыр эсинен кетпейт. Ушуларды ойлогондо бүткөн бою дүр дей түшүп ооруп жатканын шылтоо кылып үйүнө кетип калды. Ал түнү үйүндө уйкусу качып, кирпик какпай жатып таң атырды. Эртеси түшкө маал Иманга барды. Ал күтүп турган экен, экөө үйдөн чыгып ээн жерге барышты.
- Силер көтөрүп барган аркан кайда? - деди Иман.
- Аа-а, ал ошол жакта калган.
- Кайсы жер экенин билесиңби?
- Эстейинчи, азыр-азыр, - деген Айдин бир топко ойлонду. - Аа-а, эстедим-эстедим, ал кардын алдында калды го, анын үстүнө бир жылдан ашпадыбы, бирөө жарым алып кетпеди бекен?
- Эч ким албайт, эстеп тапсаң болду, кечикпей кеттик, - деп Иман алдыга ылдамдай басты. Негедир бул жолу зоокага тез эле жетишти. Зооканын түбүнөн бир кыйла бери жактагы таштын үстүнө койгонун айтып, Айдин эки жакты карап болжолдоп барып, жалпак чоң таштын үстүндөгү карды шилеп кирди. Иман отуруп алып, куран окуду, анан экөөлөп таштын үстүндөгү карды буттары менен шилеп, тоңуп калган арканды таап алышкан соң артка жөнөштү. Айдин артынан бирөө кармап кала тургансып коркуп келе жатты. Айылдын четине келгенде түн кирип, эл жата баштаган. Арканды катып коюшуп, үй-үйүнө келип жатып калышты. Айдиндин ата-энеси да Ботобек ойлогонду ойлоп чочулап калгандыктан, уктабай күтүп отурушкан эле. Анын киргенин көрүп эле:
- Кайда жүрөсүң, мынча кеч калбай жүрсөң боло? - деди атасы Алтынбай.
- Ата, балдар менен эле жүрдүм.
- Жүрсөң жүр, эртерээк эле келбейсиңби, балам? - деп апасы Анар кейий сүйлөдү. - Эртең түлөө өткөрөбүз, эч жакка кетпе.
- Эмнеге?
- Сага түлөө өткөрүп койолучу, - деди Алтынбай туюк эле. Айдин унчукпай кирип жатып алды. Эртеси таң заардан курч бычак алып, Иман экөө тең арканды каткан жерге келишти. Иман баягы арканды түрүп туруп, бычак менен кескиледи да, үч досунун арбагына атап куран окуду. Анан бырчаланган арканды мүрзөлөрдүн четине алып барып эптеп карды күрөп, жер казышты да, көмүп үстүнө таш бастырышты. Ошондон кийин кайра дагы куран окуп, жалпы арбактарга багыштап бата кылып, артын карабай үйлөрүнө келишти. Иман аны менен келип:
- Аяш эне, Айдиндин башынан суу айлантып күн батышты көздөй чачып ийиңиз, анан бир сыйра киймин чечип, өрттөп коюңуз, - деген бойдон ичке кирбей кетип калды. Алар баласындай неменин минтип айтканына таңгалса дагы айтканын айткандай жасашты, анан түлөө өткөрүштү. Түлөөгө Иманды чакырган эле келбеди. Кийинки убакта өзү өлгөн жерден, түлөөдөн тамак ооз тийбей калган. Айдин ошондон кийин түш көрдү. Баягы үңкүрдөн үч досу чыгып алып, өзүнө чакырганда: "Мен чыгалбайм, барбай эле койойунчу", - десе тигилер баягы арканды ташташат. Айдин эми кармап тырмышканда эле үзүлүп кетип, чыгалбай койду. Ринат өйдө жактан ага кыйкырды: "Келбесең койчу, биз биякта бирге жүрөбүз, силер бөлүнүп калдыңар, мейли, бара бер", - деп таарына үңкүргө кирип кетет. Айдин көпкө чейин карап туруп, артына кайрылаар замат ойгонуп кетти. "Кудай бир сактады, Иманга кудай бир касиет берген экен, эмнеге тигилерди аракет кылып алып калбады", - деп ойлонуп жүрдү ал ошондон кийин.
Имандын оозуна куран өзүнөн-өзү келди, ал китептен же бирөөдөн жазып үйрөнгөн жок. Кээде өзү да таңгалып кетет, намаз да окуй баштады. Ага эми жылан көз көрүнөө көрүнө баштады. Жаз келип, жан-жаныбар жанданып, жерге жылуулук кирип, курт-кумурска чыга баштаган. Уктап жатса бир жак ныптасы мупмуздак болуп үшүп кетти, төшөгүн жамынмак болуп өйдө тартып жатканда колуна бир нерсе тийгендей болду. Чочуп тура калып эки жагын караса төшөктүн аяк жагында аппак жылан сойлоп баратыптыр. Куйругун чала-була көрүп, таппай калды. "Келген экенсиң да, мен сени ойлогонум менен кайдан табам, Азизам", - деп коркпой эле ойлонуп кайра жатып калды. Уйкусу тынч, кээде гана баягы үңкүр көрүнүп, андан бери чыгып, кайра кирип, үч досу бала кездегидей ойноп калышат. Кээде кадимкидей карта ойноп жатышкан болот, таарынган таризде аны таптакыр карашпайт. Ботобек менен Сыйда балдарын чакырып кеңешишти да, ошол жылы Иманды үйлөнтмөк болушту. Иман үн деген жок, тапкан кызы ага жаккан өңдөндү.
- Уулум, эми үйлөн, кудайга шүгүр, - деди Ботобек.
- Өзүңөр билгиле, - деп тим болду Иман.
- Деги кыз жактыбы?
- Болот, - деди Иман, көп өтпөй эле жолдош балдары болуп, Суусарканды ала качып келишти. Ал кичи пейил, ак көңүл, назик кыз эле. Иманды жактырып, жашап калды.
- Иман, - деди бир күнү ал.
- Ийи.
- Сен мени жакшы көрөсүңбү? - деди эркелей Суусаркан.
- Жакшы көрбөсөм алат белем?
- Ийи да, башка кыздар менен сүйлөштүң беле?
- Жок.
- Кантип?
- Ушинтип эле.
- Кызык, эч бир кыз сүйгөн жоксуңбу?
- Жок, сен эмне мага сурак жүргүзөсүңбү? - деп Иман тике караганда келин көздөрүнөн жалтанып кетти. Көздөрү негедир сүрдүү болчу.
- Жо-ок.
- Анда мындан ары башка сурабай жүр.
- Макул, - деп Суусаркан унчукпай жатып калды. Иман аш-тойлордо манас айтып, бир топ кадырлуу болуп калган. Жөнөкөй күндөрү атасына жардам берип, короодо өзү менен өзү болуп жүрө берет. Бала кезинде шок, тамашакөй уулунун тез токтолгонуна ата-энеси таңдана өздөрүнчө сүйлөшүп калышат, бирок сыр түйүнүн билмек кайда? Иман кийинки күндөрү дааратсыз жүрбөйт, молдо дейин десе молдо эмес, болгону намаз окуп, таза тутунуп калган. Ал алдыда кандайдыр бир өзгөрүүнү күткөндөй. Суусаркан күйөөсүнүн жаштай болуп ойноп, өзүн эркелетпегенине нааразы. Арадан билинбей эки жыл өтүп кетсе да боюна болбоду. Бирок Иман дагы бала жөнүндө сөз козгобойт. Мамилеси жакшы эле, кадимки эрди-аялдардай жашашат. Ошол күнү жатаарда намаз окуп, анан жатты. Суусаркан мойнуна асыла кетти:
- Иман, сен деги адамдарды жакшы көрөсүңбү?
- Эмне дегиң келет?
- Билбейм, ата-энең менен деле жакшы сүйлөшпөйсүң, күлбөйсүң, дагы өзүң менен өзүңсүң…
- Мүнөзүм ошондой.
- Аа-а.
- Эмнеге сурай бересиң?
- Жөн эле…
- Укта. - Иман ары карап жатып калды. Көзүн жумуп бүгүнкү көргөнүн эстеди. Ал бүгүн маңдайынан ак жыланды көрдү, көптөн бери көрбөй унута түшкөн. "Эмнеге келди, көптөн бери көрүнбөй калды эле", - деп ойлонуп жатып, уктаган-уктабаганын сезбей калды. Бир туңгуюк менен жүрүп отуруп, баягы тааныш бакчага туш келди. "Кел, Ыйманбек, мени унуткан жоксуңбу?" - деген кулакка жагымдуу да, тааныш да үн артынан угулду. Негедир ал дабыш тээ алыстан, өзүнүн эле көөдөнүнөн чыккандай болду.
- Азиза, кандайсың? - деди Иман эркин гана.
- Мен мындамын!
- Каяктасың? - деп эки жагын элеңдей карап, тээ алыста, такта отурган кызды көрө коюп, аны көздөй басты. Ошондо Азиза аны жини келе карап турган экен, жан жагын караса жыландар тикесинен тик туруп чакканы даярданып калышыптыр.
-Токто! - деди Азиза. - Сен мага кара санадың.
- Кантип, мен сага эч нерсе кылган эмесмин…
- Сен кыянаттык кылдың, жүз жылдап жашап, адам баласынан сени тандап алгамын, а сен аял алып алдың.
- Аа-а, ошого таарындыңбы, бизде жыйырма жаштан өткөндөн кийин үйлөнтөт, бул биздин салтыбыз.
- Баары бир сен мага кыянаттык кылдың, мен жети жолку сыноомдон кийин сени менен ээрчишип кетмекмин.
- Таарынбачы, Азиза, мени кечир.
- Макул эми, - деп Азиза колдорун эки жакты көздөй жаңсап койду эле, баягы жыландар заматта көздөн кайым болду. - Иман, мен сени бүгүн абдан опурталдуу да, пайдалуу да жерге алып барам, - деген Азиза отурган отургучунун оң жагынан ачкыч алды. Аны Иманга берип, - Сен муну алсаң ошол байлыктын жолуна түшчү жолду табасың. Эгерде бул ачкычты үңкүргө кирүүгө каршылык көрсөткөндөргө көрсөтүп койсоң алар унчукпай жол ачып берет. Бирок эсиңде болсун, ал байлыкка азгырылба, өзүңө ченеп алсаң гана кайра кайта аласың. Кош анда, жолуң болсун, - деп көздөн кайым болду. Көзүн ачса колунда түшүндө көргөн ачкыч бар экен. Аялын түртүп ойготмок болуп баратып, анын аягында сойлоп бараткан ак жыланды көрүп чочуп кетти. Суусаркан көзүн ачып онтоп кирди. Иман коркконунан шашкалактап аны өйдө кылды эле:
- Мени жылан чагып кетти, эмеле ушул жерде болчу, кармап өлтүр, Иман, - деп кыңылдап араң айткан келин шылк дей түштү. Иман көзү чакчайып, калч-калч эте ата-энесин чакырды. Алар келип, келининин али муздай элек өлүгүн көрүп, дүрбөлөң түшүп калды. Суусаркандын ата-энесин чакырып келишти, алар дароо эле Иманга док кылып, жаңжал чыгарышты. Врачтарга текшертишкенде маркумдун денесинен күч колдонулганынын эч кандай белгилери табылбады, болгону жыландын уусунан өлгөнү далилденгенде төркүндөрү эчтеме дей албай калышты. Ошентип ыйлап-сыктап Суусарканды жерге беришти. Ошол бойдон Иман чөнтөгүнө салган ачкычты унутуп калган эле. Арадан кырк күн өтүп, аялынын кыркылыгын өткөргөндөн кийин гана жылуу кийинип, эки-үч күндүк жолазыгын алып, талааны көздөй жөнөдү. Өзү алыс көрүнгөнү менен тез эле жетти. Иман бул көрүнүштүү түшүнүксүз кереметтин касиети деп сезип жатканы менен жакындаган сайын жүрөгү лакылдап бир нерседен корккондой эки жагын элеңдей зооканын түбүнө барды. Өйдө бир карап алды да: "Биссимилла", - деп күбүрөнө ачкычты колуна алып, сыйпалап турганда зооканын түп жагынан өйдө карай кеткен тепкич пайда болду. Ага кандайча ага жеткенин өзү да байкабай калды. Үңкүргө жетип, ичине башбакканда ичине жарык түшүп турганын көрдү. Анан акырын басып кете берди. Канча басканы белгисиз, бир маалда эшик көрүндү. Ага ачкычты тийгизгенде эле шарак этип ачылып кетип, Иман көз уялткан нерседен жүзүн басып калды. Ошол кезде анын кулагына: "Түз басып, төрдөгү сандыкты ач, ошондон керегинче ал да, артыңа кайт", - деген үн угулду. Айткандай эле түз жетип барып, чоң темир сандыкка жете бергенде түбүндө эки чоң жылан жатканын көрүп чочуп кетти. "Колуңдагы ачкычты көргөндө сага тийбейт", - дегенди эстеп, ачкычты колуна алып, аларды көздөй сунганда жоондугу кернейдей, узундугу эки кулачтай жыландар башын катып, токочтой тептегерек болуп жатып калышты. Алардан этияттана сандыкты ача салып, көз тайгылткан шумдукка туш болду. Өмүрүндө көрбөгөн баалуу жасалгалардын түрү жаткан болчу. Эңкейип ар бирин кармалап жүргөндө: "Кечикпей кетишиң керек", - деген үн угулуп, шашыла баалуу жасалгалардан баштыгына сала баштады. "Алыңа жараша ал, ашыкча алба", - деген Азизанын сөзүн эстей калып, жасалганын ар бир түрүнөн онду санап салып, артка бурула бергенде үңкүрдүн оозунда болуп калды. Олжолуу үйүнө келатса Сыйда уулун көрө коюп:
- Балам, ушунча күндөн бери кайда жүрдүң? Атаң жер-суунун баарын кыдырып таппай келди, - деп кучактап ыйлап ийди.
- Апа, мен эртең менен эле чыкпадым беле? - деп таңгалды Иман. Үйгө кирип, календарды караса онунчу октябрь болуптур, өзү үчүндө чыккан эле. Ого бетер таңгалып калды. "Мен кирип эле кайра чыкпадым беле?" - деп эси ооп турду. Түшүм дейин десе баштыгындагы алтын жасалгалар жүрөт, алып кеткен наны ошол бойдон экен. Башы маң болуп, шалдая отуруп калды. "Мага эмне болуп жүрөт, мунун баары Азизанын керемети", - деген ойго токтолду. Бирок ата-энесине эч нерсе деп айталбады. Ошол жылы алардын короосундагы малы эгизден төлдөдү, бир-эки жылдын ичинде короосу толо кой-эчки болуп, абдан байыды. Иман баягы алтындарын эч ким көрбөгөндөй кылып катып койгон. Акылбү онунчу класста окуп жаткан. Жаңы жылда ал классташтары менен бал кечесине бармак болуп апасына:
- Башка кыздардын кийиминдей кийине албайм, көрсөң биздин кыздар кандай кийингенин же чынжырчам, же алтын сөйкөм жок, - деп ыйлап кирди. - Качан болсо жупуну жүрөм.
- Ээ, балам, азыр окуучусуң го, чоңойсоң чоң окууга жөнөтөбүз. Мектепти бүтүп жатканда сага сөзсүз алтын белек кылам ээ?
- Эртең эмне кылам, көйнөк тиктириш керек…
- Болуптур, мен сага көйнөк тиктирип берейин, - деди Сыйда кызын соорото.
- Эртеңкиге чейин бүтөбү анан?
- Бүтпөгөндөчү, капырай илгери биз мындайды билген жок элек, - деп сандыгын оодарып аткан Сыйда наалып алды.
- Азыр ал убак эмес, биздин кыздар эжекелерден да өтүп кийинишет, алардын жанында мен мындай эле болуп калам, - деп Акылбү тултуңдап жатканда Иман төркү бөлмөдөн чыгып келип, карындашын жылмая карады.
- Кандай чынжыр керек сага? - деди эле, Сыйда менен Акылбү аны таңдана карап калды. - Мына бул жагабы? - деп чөнтөгүнөн акак таш чөгөрүлгөн алкакты көрсөткөндө экөөнүн көздөрү бакырайып кетти.
- Аке-е!
- Кайдан алдың буларды, уулум?
- Сураганга жооп бербейм, жагабы? - дегенде Акылбү жетип келип ала койду да, шашыла мойнуна тагынып күзгүгө жүгүрдү. - Муну кошо ал, - деп Иман ага үзүк менен сырганы сунду.
- Аке-е, бул кандай шумдук, мен түш көрүп жаткан жокмунбу? - деп Иманды кучактап өөп коюп, ичкери кирип кетти кыз. Сыйда оозуна сөз кирбей дендароо болуп турду. Уурдадыбы дейин десе күнү-түнү үйдөн чыкпайт, ойлонуп отуруп, айылындагы колунда барларды эстеди. "Жо-ок бул айылда мындайды колдонгон эч ким жок. Бул жети күн жоголгондо бир жакка ууруга барган жокпу?" - деп күдүктөнө берди. "Эмеле кетпедим беле деген эле, эмнеге антти экен, мында бир сыр бар", - деп үнсүз отурганда Акылбү чыга калды. Жүзү албыра көздөрү жайнап, кубанычы койнуна батпай Иманды дагы кучактап өөп-өөп алды.
- Кандай жарашат экен, апа?
- Жакшы, кызым, көргөндөр таңгалып калат го, Ботобектин каткан казынасы бар экен деп, - Сыйда Иманды карады. - Уулум, буларды кайдан алып жүрөсүң?
- Апа, сурабагыла дедим го? - Иман терс карады. - Көйнөктү жакшы тиктире бериңиз, апа, мына бул шакекти берсеңиз кымбатынан тигет.
- Ботом, эсибизден тандыра турган болдуң го, өмүрүмдө атаң мага мындайды алып берген жок эле…
- Сизге дагы бир шакек калды, ошону берем, - деп күлүп коюп, сыртка чыгып кетти.
Эртеси Акылбүгө убакыт өтпөй жатты. Тез эле курбуларынын арасына барып, аларды суктандыргысы келип турду, улам мойнун, кулактарын кармалап, күзгүнүн алдынан кетпеди. Апасы аңгыча көйнөктү алып келип берди эле, андан бетер толкунданып шашыла кийинип көрүп жатты. Кеч кире баштаганда үйдөн чыкты. Акылбү менен Айдиндин карындашы Асыл да бирге окуучу. Ал кийине турган бөлмөгө кирип, Акылбү көйнөгүн кийип жатканда көрүп алып:
- Ай-иий, Акылбү, мынчалык ачылып кеткенсиң, буларды ким алып берди, апаңдын катып бергени го? - деди мойнундагысын кармалап көрүп.
- Ооба, мен жалгыз кызмын, ошондуктан апам катып жүргөнүн берди, мен деле мурда көргөн эмесмин.
- Укмуш кооз экен, сени көрсө кыздардын баары чалкасынан түшөт го, көйнөктү да жакшы тиктирипсиң, бүтүрүү кечесине дагы ушуну кийесиң да?
- Көрөм, балким башка тиктирем. - Акылбү кубанычтуу жылмайды.
- Жүрү кеттик, бал башталып калды. - Экөө ээрчише залга киргенде баары аларды аңырая карап калышты. Айрыкча ошол балга катышып жаткан шаардагы адвокаттын уулу Давид адеми кийимчен ажарлуу кыздан көзүн айрыбай жалдырады. Каникулда чоң атасынын үйүндө жүрүп, жаңы жылдык оюнду көрүү үчүн атайын келген эле мектепке. Музыка жаңырып, бий башталганда жаштарды аралап келип, Акылбүгө колун сунду.
- Сиз менен бийлөөгө болобу?
- Болот, - деди кыз ийиле калып. Жигит-кыз кол кармаша бийлеп киргенде калгандар бийин токтотуп, четке чыга беришти. Экөө ортодо чимирилип бийлеп жатышты. Чачын аркасына түйүп алган Акылбүнүн көйнөгү көркүнө ого бетер көрк кошуп, музыканын жай ырганына жараша этек-жеңи жайкалып, көөлгүгөн сайын баары ага суктана турушту. Мугалимдери андан бетер кызыгып, атүгүл ичи тарып кеткендери да болду. Мурунку заман болгондо окуучулар форма менен гана чектелип, баалуу буюмдарды тагынмак кайда? Ал кечте Акылбү жүзү ажарлана өзүн бакыттын туу чокусуна чыккандай сезди. Давид менен таанышууга да жетишти, анткени кеченин аягына чейин экөө бирге бийлеп, чогуу сүйлөшүп отурушту. Кече аяктагандан кийин Давид аны үйүнө чейин узатып келди. Үйүнө келгенде Асыл ыйлап, ата-энесин коркутуп, тултуңдап жатты:
- Мен деле силердин жалгыз кызыңармын го, Акылбүнүн бүгүн кечеге кийип келген көйнөгүн, тагынып келген асыл буюмдарын көрсөңөр таңгалат болчусуңар. Эмнеге мага деле алып бербейсиңер?
- Алар да бизге окшогон эле немелер эле, кайдан алды, балким шаардагы балдары алып бергендир?
- Мага эмнеге алып беришпейт?
- Эми ар ким өз оокаты менен, кызым, агаңдар өз жашоосу менен да.
- Бүгүн кече баргандын баары ага суктана карашты. Укмуш тим эле, - деп балбалактап ыйлап, эс алды. Анткени ал жаңы көйнөк тиктирип алып, атаандашы Акылбүнү жөнөкөй эле кийинип келет деген ойдо ага мактанмак болгон. Бирок аны көргөндөн кийин ооз ачалбай калган. Экөө баардык жагынан атаандашып турчу. Бул күнү Асыл өзүн жеңилип калгандай сезип, ызаланып турду.
- Эмне деп эле жатат? - деди сырттан кирген Айдин. Ал аял алып, эки балалуу болуп калган. Асылдын айтканын угуп алып: "Демек, Иман үңкүрдөгү байлыкты бизден аяп, жалгыз өзү пайдаланып жүргөн экен. Ал жеткен байлыкка биз канча аракет кылсак да жолой албадык, бизди эмнеге кабыл албады? Ал кантип жетти экен? Балким жөн эле агалары сатып бергендир", - деп ойлонуп жатты. Бирок Имандын адамгерчилиги, өзүн ажал оозунан куткарып алганы үчүн ага сөз айтууга акысы жок экенин сезди. Биринин артынан бири, бир жыл ичинде набыт болгон үч досу аны ойлонтпой койгон жок. Бирок дүнүйө, байлык жанын жай алдырбай Иман менен сүйлөшүп, тең орток болууну ойлоду. Иман ошонун баарына жалгыз өзү ээлик кылып алгандай туюлду ага. Эртеси Айдин Иманга барып, ал-жай сурашкандан кийин билмексен боло андан сурамжылап отурду:
- Иман, сен билесиң да, Ринат айткан байлыкты кимдир бирөө алышы мүмкүнбү?
- Ким билет?
- Сенден муну сураганым досторубуз ошонун айынан өлдү, деги байлык баары чын болду бекен?
- Мен кайдан биллем, Айдин, эгер билсем мен деле бармакмын, ишенген жокмун да, - деген Иман досунун эмнеге сурап жатканын сезип-туюп, ичтен ага нааразы болду.
- Эгер чын болсо аны кимдер ала алат?
- Айдин, мен аны кайдан билем, эгерде байлык баары ырас болсо алда качан геологдор келип таап кетишмек. Ал үңкүрдү жөн гана жин-шайтандар ээлеп калган. Сен ал жөнүндө кеп кылбашың керек, Айдин, ажал оозунан кайтканыңды унуттуңбу? - деди Иман ага түшүндүрө. - Сенин аларга кошулаарыңа жети гана күн калган, мен эмес, ата-арбактардын айтуусу менен гана калдың. Менин эч качан алым жетмек эмес. Анын үстүнө сен кетели деп айткан экенсиң, ал сенин байлыкка кызыкпаганыңдын далили болду, - деди башын жерге сала.
- Кечирип кой, Иман, жөн эле сурай салдым эле. - Айдин өткөн окуяны эстеп коркуп кетти. "Барбай эле кайталы дегенде айрыкча Ринат болбой койгон, ошондуктан ал биринчи кеткен экен", - деп өзүнчө ойлоно ордунан турду. - Макул, мен кетейин, жакшы тур, - деп коюп, илкий басып жөнөдү. Андан бери төрт жылга аяктап, бешинчи жылга карап калган. Иманды ата-энеси кайрадан үйлөн деп кыстай баштады.
- Мен үйлөнбөйм, - деди ал көшөрүп.
- Эмнеге, бой жүрө бермек белең? - деп атасы ачууланды.
- Ата, мен үйлөнбөйм, кыстабагыла мени.
- Ыя, балам, жыйырма төрткө чыгып калдың, сени менен теңдер эки-үч балалуу болуп калышпадыбы? - деди Сыйда аста сүйлөп.
- Мейли боло берсин, өз убактысы келет.
- Капырай, картайганда үйлөнмөк белең, Суусаркан жакшы келин эле, бейиши болгур, кырсык болуп кетти. Ажал улук экен, балам, эми ойлон, дагы аял алып, бизди неберелүү кылсаң боло?
- Мен айттым, кыйнай бербегиле мени, - деп Иман туруп кетти. Ата-энеси бири-бирин карап кала берди. Ошол бойдон үйлөнүү жөнүндө эч кимиси ооз ачпайт. Иман табышмактуу жашоодо жашап жатканын өзү сезбейт, үй-бүлөсү ага этият мамиле кылып, чочулап турушат. Кээде түнү менен бакылдап сүйлөп же буркулдап манас айтып чыгат. Бир күнү күндүзү алдынан ак жылан өтүп кетти, ал өздөрүнүн эле үйүндө болчу. Эч нерсе болбогондой узата карап турду да, ак жылан сойлоп баратып көздөн кайым болгондо чөнтөгүн сыйпалап ачкычтын жүргөнүнө ынанды. Ошол түнү анын түшүнө дагы Азиза кирди. Ал дагы эле баягы ордунда экен, Иманды көрүп эле:
- Келе бар, - деди булактын шылдырындай назик үнү менен.
- Кандай? - Иман жакындап баратып сурады.
- Жакшы, сени менен бул үчүнчү жолугушубуз. Эми жети жолу кайра көрүшсөк, ошого чейин сен менден чочубай турган болсоң иш жакшы жагына оойт, - деп туруп келди. - Ачкыч жаныңдабы?
- Ооба.
- Ал сенин жаныңда болушу керек, аны жоготсоң зыян тартасың.
- Жоготпойм.
- Иман, мен күнөөлүүмүн.
- Эмнеге?
- Аялыңдын өлүмүнө.
- Ошондойбу?
- Ачууң келдиби? - Жылмайып койгондо жүзүнөн бир башкача нур чачырап жаркырай түштү.
- Жо-ок, эмнеге ачууланмак элем?
- Адамзатка зыян келтиргеним үчүн атам мени жазалады, ошондуктан бир жыл өткөнчө сени көрө албадым, сени кызганам, Иман…
- Кызык экен, анан качан менин жанымда болосуң?
- Жети жыл күтүшүң керек эле, үйлөнүп албадыңбы, эми дагы жети жылга чейин күтүүгө туура келет, көп эмеспи?
- Жок-жок, ошондо эле болобу, же дагы…
- Эгерде ушул антыбызга турсак анда биз биротоло кошулабыз. Сен менин адам болушума себепчи болосуң, ошондо гана сенин колуктуң болом. Жүз жылда бир гана жолу адамга мээрим түшкөн жыландардын бирөө адамга айланып, толук кандуу адам боло алышат.
- Силер картайбайсыңарбы?
- Мен адам баласын төрөлгөнүмдөн билем, сен төрөлгөндө абдан сүйкүмдүү бала элең, - деп анын жанына жакындады. - Мен ошондо абдан тентек бир жерге тура албаган кыз элем. Адамдарды жакындан көрүп, ойноп жаткан балдардын жанына жетип ойногум келе берчү. Ошол убакта сен бешикте экенсиң, баланын ыйлаганын угуп үйгө кирип бардым. Сени көрүп суктана карап турсам апаң келип, сенин сооронуп калганыңды көрүп, кайра чыгып кетти, мен жашынып калгамын. Ошол күнү кечке ошентип сенин жаныңда жүрүп, кеч кайтсам атамдар мени издеп жатыптыр. Мени көргөндө кубанып кетишти. Мен аларга чындыкты айтсам чочуп кетишти. Адамдар жаман, сени жанчып өлтүрүп коюшат деп, мени кайтара башташты. Сени сагынып, дидарыңды кайра көргүм келип туруп алат. Ошентип мен адам баласынын жашоосуна кызыгып, адам менен жолугушууга уруксат алдым. Менден чочулабасаң жети жолу түнкүсүн, жети жолу жылан түрүндө көрүнө турган болдум.
- Башкаларга көрүнгөн жоксуңбу?
- Эмнеге, өкүнүп жатасыңбы?
- Жок, сурадым да.
- Сен мага бала күнүңдөн жагасың, ал тургай экөөбүздүн тагдырыбыз бирге болоорун билем.
- Чынбы?
- Ооба, сен гана жети милдетти аткарсаң болду. Биздин өзүбүздүн мыйзам боюнча адамга айланган соң мен кайра бул өлкөгө кайрыла албайм.
- Эмне үчүн?
- Сен менин болгон сырымды угуп алдың.
- Анда айтпай кой.
- Макул анда, менин убактым бүтүп баратат. Ар бир жолуккан сайын адам жыты жыттанып калам. Мага жагат, ата-энем мени урушуп жанына жолотушпайт, бир жылда бир жолукканыбыз дагы жетишээрлик.
- Канча убакытта жолукканыбыз эсимде жок.
- Ар бир жылда жаңырган айдын жума күндөрү жолугабыз.
- Ошондой экен да.
- Эми мен кеттим, көрүшкөнчө аман бол, - деп көздөн кайым болду. Иман эки жагына каранып туруп, ойгонуп кетти. Эмелеки көргөн түшү мурдагыга караганда көз алдына дароо эле тартыла түштү. "Мен Азизаны сүйүп калдым, анын жылан экенине карабайм, эгерде ал менин жашоомдо пайда болсо сөзсүз ага үйлөнөм", - деп ойлонуп алды. Эртең менен сергек ойгонду, Азиза жөнүндө биринчи жолу жакшы ойдо болду. Азыр эле кайрадан жанында болгусу келди, бирок анын жети жылда бир эле жолу көрүшөбүз дегенин ойлоп отуруп калды. Жазында Акылбү мектепти бүтүп эле Давиддин үйүнө кетти. Бул жаңылыкка айыл эли дуу түшүп эле жатып калды. Үйлөнүү тою шаардын эң чоң ресторанында өттү, ага эки агасы аялы менен, апасы, туугандары болуп он чактысы катышты. Бул бир гана жыландар ханышасынын касиети экенин эч кимиси деле байкашкан жок. Адвокат Кудайберген өзү ушул эле айылдан, аялы түрк кызы. Алар Акылбүнү келин кылып алганына каршылык көрсөтүшкөн жок. Бирок өзү негедир аларга көнө албай, Давидди мындай таанып, сүйлөшүп-жолугуп жүргөнү менен ага чындап көңүлү жогун кийин сезди. Кийинки жылы мединститутка өткөрүп коюшту. Давид дипломун алган соң Америкага жөнөп кетти, орун алгандан кийин телефон чалмак. Ошентип Ботобек менен Сыйданын кызынан көөнү тынганы менен бир жагынан Имандан санаа тартып күндөр өтө берди. Имандын үйлөнөөр түрү жок, канчалык айтып, көндүрмөк болгон менен жыйынтык чыкпагандан кийин айтпай дагы калышкан. Бир күнү ага атайын алып бермек болуп, сиңдисинин кызын алып келди Сыйда. Сейил өңдүү-түстүү, жоош-момун келин, күйөөсү өлүп калган, таежесинин айтуусунан чыкпай Имандын көңүлүн өзүнө бурмак. Аларды бири-бирине көндүрүш үчүн ата-энеси конокко, же бир той-топурга кетип калышып, көбүнчө экөө ээн калат. Ошол күнү Иман менен Сейил түштөнүп отурушкан.
- Иман, сиз аялыңызды катуу сүйчү белеңиз? - деп капыстан Сейил жылмая суроо узатты.
- Ким айтты?
- Деги айтам да, ошол бойдон үйлөнбөгөнүңүзгө караганда чындап катуу сүйсөңүз керек?
- Биз сүйлөшүп баш кошкон эмеспиз, эки жылдын ичинде дагы ал экөөбүз чоочундай эле жашадык.
- Эмнеге, ошончолук эле муздаксызбы?
- Балким, мен сүйүп көрө элек болсом керек…
- Ыраспы?
- Ооба, сен күйөөңдү сүйүп тийдиң беле?
- Жок. Аз күн сүйлөшүп эле ала качып кеткен, алты айдан кийин авариядан көз жумду.
- Өкүнүчтүү.
- Эч нерсе эмес. Өзүм дагы жашоодо болуп өтчү нерсе катары гана ойлоп калдым, анткени ага дагы сүйүүм жок экенин сездим. Бирөө келет, бирөө кетет, өтөөр-кетээр дүнүйө деп айтышкан тура даанышмандар.
- Таптакыр кайгырган жоксуңбу?
- Адегенде тагдырыма таарынып ыйлап-сыктап жүрдүм, анан бат эле сууп калдым. Ургаачынын чырагы кырк дейт эмеспи, анын сыңары өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дегендей менин дагы күнүм чыгаар деп ойлоп калдым.
- Азамат, сен абдан терең ойлонот экенсиң.
- Антпеске аргам канча?
- Ырас айтасың, баарыбыз убактылуу жашайт эмеспизби.
- Ошондуктан өз учурунда бактыңды сынап калуу керек.
- Туура, бирок көңүл кушуң бирөөнүн башына конбосо жашоонун ойдогудай болуп кетиши да кыйын. Ойдогудай жашоо болбосо аз өмүрдү өкүнүп жүрүп өткөрүүнүн кереги жоктур?
- Кандай болгон күндө да өзүңдү-өзүң сынашың керек.
- Менби?
- Жок-жок, дегиңкиси ар бир пенде өзүн сынап көрүү керек дегеним да, себеби адегенде эле баары өзүң ойлогондой болуп кетпейт.
- Сен тобокелчи экенсиң.
- Тобокелге баруу кайдыгерлик эмес.
- Акылыңа баракелде.
- Качан үйлөнгөнү жатасыз?
- Шашылыштын кажети жок деп ойлойм.
- Өмүр токтоп турбайт.
- Бирок ар нерсенин өз убакыт-сааты болот да.
- Аныңыз ырас, бирок кечигип калуудан сактаныш керек.
- Ал кудайдын иши, пенде шашылган менен буйрукка жараша болот, пенде шашылган менен мезгил өзү таразалап койот.
- Жашоону кудай өзү белек кылган адамдарга, колдон келишинче пайдалана билиш керек го дейм, өзүң аракет кылбасаң көп жакшылыктан куру каласың.
- Ар кимдин түшүнүгү ар башка, ошондуктан сен да, мен да өз билгенибизди кылганыбыз оң, а башкалар өз тагдырын кандай чечет өзү билет, - деп Иман ордунан туруп кетти. Сейил унчукпай кала берди. Имандын бир жолу дагы өзүнө көңүл буруп койбогонуна өзүнчө ызалуу. "Мунун ден-соолугу тазабы деги, эгер эркектердей эле болсо бир жолу сугалактана карап, тийишип, бир-эки ооз сөз сүйлөмөк, демек бул эркек эмес", - деп ойлонуп турду. Сейил эки айдай жүрдү, бирок Иман эч бир көңүл бурбаган соң кетмек болду.
- Дагы бир аз жүрө турсаңчы, Сейил, Иман акыры көнүп кетмек, кайда бармак эле, сен анын көңүлүн бурганга аракет жасашың керек, - деп Сыйда чыйпылыктады.
- Эже, бекер кыласыз, балаңыздын мага көз салаар түрү жок, бир күнү сиңдиңди мага эмне жабыштырасың деп сизди урушуп жүрбөсүн? - деп Сейил күлүп койду.
- Айланайын десе, сендей келиним болсо кандай жакшы болот эле, кудайдын бир ишараты менен уулум үй күтүп калса болот эле. Бу бала эмнеге үйлөнбөйт билбейм, же эки жакка чыкпайт, - деп Сыйда эмшиңдеп ыйлап басылды. Сейил таежесине боору ооруп дагы кетпей калып калды. Иман баштагысынан жазбай сыртка чыгып, үйгө кирип жүрө берет. Сейил аны көз кырынан кетирбей карап жүрдү. Ага жакындап, алдына тамагын коюп, жуунганы жатканын көрсө суу даярдап берип, төшөгүн салып, кайра эртең менен жыят. Ошентип канча жагынууга далбас урса да бир жүз буруп койгон жок. Сейилдин бары же жогу ал үчүн бирдей болчу. Дагы бир күнү келин атайын эле Имандын жанына келип:
- Зериккен жоксуңбу? - деди күлүмсүрөй.
- Сенин сүйлөгөнүңөн зериктим.
- Эмнеге?
- Мен жалгыздыкты жактырам.
- Мындай шартың тирүүлүктүн кадырына түкүрүп койгондук эмеспи? - Сейил ого бетер жакындады. - Мен сулуумунбу, Иман?
- Мен эчтеке билбейм.
- Кантип, тирүү жан, жапжаш жигит, сулуу кыздарды көргөндө суктанып карабаса, өз учурунда жаштыктын, сулуулуктун, сүйүүнүн кадырын билбесе, андай адам жашаган-жашабаганы билинбей өкүнүп жүрүп өтөт го дейм?
- Балким, мен ушул жашоомо ыраазымын.
- Ишенбейм, кандай болбосун бир кезде өкүнөөрсүң, ырахаттын жеткен жери сулуу кыздар, асылкеч аялдар.
- Сейил, тынч бололучу, мен эч кимди карабаймын! - деп ачуусу келе түнөрүп туруп кетти. - Менин жашоом үчүн кабатыр болбо.
- Мына, жакшы турмуш, ырахаттанып өмүр сүрүү сен үчүн да чоң максат, сен азыркы турушуңа өкүнөөрсүң, өкүнүп да турасың, - деп Сейил мыйыгынан жылмайып отуруп калды. Ушуну менен эки жолу андан көңүлү калып ызаланды. Бирок ал эркектердин сырын жакшы билет, сүйүп турса дагы сыр билгизбей байкамаксанга салгандарын, өздөрүн аялдардан бийик тутуп, кыздардын аны карабай турганын сезгенде гана өзү жактырган аялдын бутуна чөгөөлөрүн. Ошондуктан бактысын дагы бир сынап көргүсү келди. Келерки сыноону күтүп, таежесинин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жагып калуунун аракетинде. Кечки тамакка отурганда Сыйда:
- Балам, мен картайдым, келин жумшап, казан-аяктан чыга баштадым. Сейилге окшогон эле келин алып бер, неберебизди жыттап, атаң экөөбүз оңуп калалы, - деди уулун карай аста гана.
- Апа, мени үйлөн деп кыстабагыла дебедим беле?
- Анан эмне картаң бойдок болуп жүрө берем дейсиңби, ыя? - Ботобек ачуулана ормойду. - Үйлөнөсүң, ушул жолу үйлөнбөйм десең каалаган жумушуңду кыл, үйдө болбо?!
- Эмне, үйдөн кет дедиңизби? - Иман атасын түшүнбөгөндөй карап калды.
- Ооба, үйлөнүп эл катары жашабасаң эмнең адам, жашың отузга жакындап калды. Сендей балдар ата-энесине келин жумшатып, небере жыттатып жатат, сен өз билгениңди койо бербейсиң.
- Болуптур, мен үйдөн кетем, - Иман ордунан туруп, ички бөлмөсүнө кирип кеткенде Сыйда:
- Кет дегениң кантип болсун, мейли аял албаса койсун, үйдө жүрө берсин, акыры үйлөнөт да. Ой басып жүрөт, аялын жакшы көрчү эле, ошого үйлөнгүсү келбей жаткан чыгаар? - деп күйөөсүнө жиндене карады.
- Үйлөнөт деп койот, сен экөөбүз өлгөндөбү?
- Койсоңчу эми, балага эрегишип калбай, - деп күйөөсүн тыйып отурганда Иман бөлмөсүнөн чыгып, сыртка жөнөдү. Сыйда эшикке жетип, уулунун алдын тороду. - Кой, балам, атасына дагы таарынабы, капа болобу, миңдеген менен дагы өз баласысың, көтөрүшүң керек. Карып калжаңдаган атаңды кечир…
- Апа, түшүндүм, айрыкча сизди жакшы билем, бирок мен эми кетем, сиз мага капа болбоңуз.
- Уулум, кайда барасың, ата-энеге таарынып, үйдөн безген болбойт. Эмнеси болсо дагы бизге Сейилди келин кылып бер, эсиң бар, садага, - деди Сыйда Иманды бекем кармап алып. - Эч кайда кетпейсиң, мени кечип кетсең анда өзүң бил!
- Апа-а, мени кыйнабагылачы, бир аз күн шаарга барып, мээмди сергитип келейин, бир-эки жумада кайра келем. - Иман апасын тынчтандырып, жолго чыкты. Сыйда үндөбөй кала берди. Сейил аларды карап туруп, кийим-кечесин көтөрүнө Имандын артынан чуркап жетти:
- Сен кайда барсаң мен да ошол жакка барам.
- Эмнеге?
- Ошого.
- Соосуңбу сен?
- Сопсоомун бир гана нерсеге мас болуп турам.
- Эмне ичтиң эле?
- Сүйүүнүн булагынан ууртап алгам.
- Ал кайда экен?
- Сенин жүрөгүңдө, жан дүйнөңдө, шаркырап агып жаткан булактай…
- Жомокту коюп, үйгө бар.
- Үйгө эмнеге барам, эми мен байланаар эч нерсе жок, менин бул жерде жүргөнүмө сен гана себепчисиң!
- Калпыңды башкага айт, мен сага түшүнбөйм да, ишенбейм.
- Баары бир сени менен барам, бир кадам да калбайм.
- Мени менен оюн ойногуң келип жатабы?
- Сүйлөшкүм келип жатат.
- Эмне жөнүндө?
- Экөөбүз жөнүндө.
- Экөөбүз жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
- Мүмкүн.
- Сен түшүнөсүңбү же кеп жебеген айбансыңбы?
- Айбан болушум мүмкүн.
- Өзүң билип туруп, бирөөнүн башын айланткың келеби?
- Кимдин мисалы.
- Менин, бирок сага мен азгырылбайм, үмүтүңдү үзүп кой, экөөбүздүн жолубуз эки башка.
- Эч нерсеге түшүнбөйм, унчукпай бас, шаарга кетсең бол бат, - деп Сейил аны колтуктай алдыга жөнөдү. Ошентип экөө кетип баратканда алардын алдынан Имандын классташы Байтур чыгып калды.
- Оой, дос, кандай, бу сен үйлөнүп алсаң деле айтпайсың, эми аяш менен тааныштырбайсыңбы? - деп бакылдап кирди.
- Өзүң кандайсың?
- Баары жакшы, аяш менен таанышайын, - деп Сейилди карады. - Менин атым Байтур.
- Менин атым Сейил. - Келин жылмайып койду.
- Байтур… - Иман бирдеме демек болгондо Сейил:
- Ооба, биз жакында эле…
- Байтур, мен сага…
- Ооба, айтмак болгон, мүмкүнчүлүк болбой жатты, досторун өзү дагы чакырмак, - деп Сейил озунуп жооп бергенде Иман аны жаман көзү менен карап алды. Аргасыз Байтурга күлүп:
- Байтур, мен сага түшүндүрөм…
- Ма-акул, макул эми, кыскасы, үйлөнүпсүң да, ничего, дос, аял алып, түтүн булатуу адам баласынын парзы экен го. Сен үйлөнбөй жүрдүң, аялың өлүп калбаганда эмдигиче балалуу болуп калмаксыңар, биз болсо үч балалуу болдук.
- Ооба-ооба, бирок мен…
- Иман, анча-мынчаны байкабайт эмеспи, сенден айтпаганы үчүн уялып калды. Кечир биз жолдон калып жатабыз, көрүшкөнчө ээ? - деп жылмайган келин кайрадан Иманды колтуктан алганда ал колун түртүп ийди.
- Менден каалаганың эмне?
- Өзүң.
- Экинчи жаныма жолобой жүр, эмнеге калп айтасың?
- Калп эмес, акыры үйлөнөбүз да.
- Сага үйлөнбөйм, убактыңды кетирбей жолуңа түш!
- Эч жакка кетпейм.
- Кетесиң, - деп Иман аны карыдан ала беш-алты кадам артка сүйрөп келип, түртүп ийди. - Экинчи жолумдан чыгып, көзүмө көрүнчү болбо!
- Мен сенден кетпейм, өлсөм да жаныңда өлөм.
- Ушунчалык өжөрсүңбү? Башты оорутпай кет ары, менин сени менен мышык-чычкан ойногум келбейт, - деген Иман ылдамдай басып кетип калды. Сейил аны карап бир азга турган соң отура калып, озондоп ыйлады. Иман анын үнүн угуп, артына карады да, бетин басып алып ыйлап жатканын көрдү. Сейил аны салааларынын арасынан карап, ого бетер үнүн бийик чыгара өңгүрөп кирди. Айылдын эли байма-бай жүрүүчү көчөнүн ортосуна туруп алып ыйлап жаткандыктан, Иман эки жагын карана кайра ага жетип келди:
- Жинди болдуңбу, көргөн эл эмне дейт?
- Сенин таштап кеткениңе караганда элдин сөзүнө калганым жакшы, сен мени кордодуң, - деп кайрадан буркурады.
- Болду эл угат, бас үйгө, сени жеткирип койойун, жолдон кала турган болдум, - деп Сейилди карыдан ала өйдө кылып, жетелеп жөнөдү. Сейил аны бекем колтуктап, ийнине жөлөнө ыйлап баратты:
- Эмнеге сен мени карабайсың, мен эмне, адам карай турган кыз эмесминби, жашмын, сулуумун.
- Ээй, унчукпай бас!
- Эмне үчүн, сүйлөгүм келип жатат. - Улутунуп алды келин.
- Сүйлөй турган сөзүңдү уга турган кулак жок.
- Эмнеге мени жактырбайсың? - деп Сейил эчкирип жиберди. - А мен сенсиз жашай албайм!
- Ойлоп сүйлө, мен сени эч качан албайм. Унчукпа, азыр үйгө кир да, апамдарга көрүнбөй ички бөлмөгө өт, мен артыңдан кирем, - деди Иман аны алдамак болуп. - Уктуңбу, эч кимге көрүнбөй кирип кет.
- Макул, - деп Сейил Иманды бир карап алып, ишенээр-ишенбесин билбей басаар-басмаксан боло үйгө кирип баратып да кылчая карады.
- Бол эми, - деди Иман ага. Ал ичкери кирээри менен артка жүгүргөн Иман көчөдө кетип баратып улам артын карап койот. Эптеп көздөн далдаага жетип, "Өх", - деп алды да, таксисттердин жанына келди. - Бишкекке ким кетет?
- Канча киши? - деп үчөө-төртөө жабылып калды.
- Өзүм.
- Анда күтүш керек, дагы үч киши болбосо кете албайбыз, бүгүн эч кардар жок, баарыбыз турабыз.
- Тезирээк кетсек болот эле.
- Жигит, жалгыз тез кетем десең анда төрт кишинин ордуна төлөшүңө туура келет, - деди бири керсейип.
- Канча болот?
- Ар бирине жыйырма бештен болгондо өзүң эсептей бер.
- Анда болбойт.
- Мен дагы бара албайм.
- Канча убакыт күтөбүз.
- Бир же эки саат, балким кечке күтөбүз.
- Ошондо кетпей калышыңар да мүмкүн тура?
- Дал ошондой.
- Макул, күтсө күтөлү, - деген Иман ажаткананы көздөй басты. Ошол кезде Сейил келип, таксиге отуруп алды. Дагы экөө отурганда таксист кубанып кетип:
- Оой, жигит, кел отур, кеттик, - деди ары жактан келаткан Иманга. Иман шашылыш келип эле алдына отуруп калды, такси ордунан жылып жөнөдү. Шаарга келип, автовокзалдан түшөөрү менен Сейил Иманды карыдан алды:
- Мен келип калды-ым.
- Эмне? - деп жалт карап, жигиттин көзү чакчайып кетти. - Се-ен…
- Ооба, эмне чочуйсуң, мен дагы келдим. - Сейил күлүп койду эле, Имандын ачуусу келгенинен үнү дирилдеп, колдору калчылдап, жүзү бозоруп чыкты.
- Сен жиндисиң го ээ, мынчалык эмнеге жабыштың мага?
- Эмнеге алдайсың анан?
- Сенден кутулуш үчүн.
- Менден кутулам деп ойлобо, бол эми кеттик, - деп жеңден тартканда Иман дагы колун силкип жиберди.
- Токтот оюнуңду, сени көрөйүн деген көзүм жок! - деп түртүп ийди.
- Ээй, көзүңдү кара, эч кимди тааныбайм, шаарда адашып кетсем сен жооп бересиң, - деп Сейил ызасын билдирбей артынан жөнөдү.
- Ошо жоголуп кетээр күнүң кайда, - деп Иман кылчайбай кете берди. Сейил анын артынан баратып: "Сен муну өзүңө тарт, антпесең башкага кетип калат, мага сендей келин керек, нары өзүмдүкүсүң. Эптеп имерсең калганын мага кой, шаарга барганда башка эч ким менен жолуктурбай жанында бол, акыры сага келет, жагууга аракет кыл", - деген Сыйданын сөзүн эстеди. Анан ага жетмек болуп жүгүрүп келе жатып мүдүрүлүп жыгылып түштү. Катуу чаңырган үндөн улам артын карай берген Иман Сейилдин көмкөрөсүнөн жатканын көрүп, жетип келди. Анын чыканагы, эки тизеси, бир жак бети сыйрылып, канап кетиптир, боору ооруй өйдө кылды. Сейил көзүн ача:
- Се-ен келдиңби чын эле? - деди акырын.
- Этият болбойт белең, - деп ачуусу кайнап турса дагы акырын сүйлөдү Иман. Тизесинин канын аарчып, бетин тазалап жүз аарчысын таштап койду да, аны тургузду. - Баса аласыңбы?
- Басам, мени таштап кетип калба ээ?
- Жүрү, сени доктурга жеткизейин.
- Доктурга барбайм.
- Тежиктенбе.
- Тежиктенбей эле айттым, доктурга барбайм, Буланбек акенин үйүнө алып бер мени.
- Аякка сага эмне бар? - Каштарын жыйра ачуусу келип кетти Имандын.
- Сени менен бирге болом, аптекадан дары менен сүйкөгөнгө мазь алып алсам болду, - деп Сейил такыр болбой койду.
- Сен мени жинди кылып койо жаздадың, эсиң менен бол да, менден карааныңды алыстат! - деп жетелеп алып автобуска салды. Унчугушпай жетчү жерге чейин бара беришти. Тааныш аялдамадан түшүп, агасынын үйүнө киришти. Аларды көргөн жеңеси Гүлай:
- Оой, Булан, ким келди карачы, үйгө коноктор келди! - деп күлүп-жайнап тосуп алды. - Келгиле, Иман, кандай, атамдар жакшы жатышабы? - деп жанындагы бейтааныш кызды карады. Мурда көрбөгөндүктөн Сейилди таанычу эмес. - Кир, кире койгула.
- Келгиле, - деп Буланбек чыга келди. - Атамдар жакшы жүрүшөбү?
- Жатышат, - деди Иман кабагына кар жаай.
- Сага эмне болду? - Агасы инисине кайрылды. - Кабагың бүркөө, тынччылыкпы деги?
- Тынч эле. - Иман бурк эте жооп берди.
- Мен… Мен Сыйда эжемдин сиңдисинин кызымын, - деди Сейил өзүнө улам карап таңгалган жубайларга. - Иман экөөбүз бирге келдик.
- Аа-а, жакшы, таежем жакшы жүрөбү?
- Баары жакшы.
- Эмне, шаарга иштемексиңби?
- Мм.., ооба, иштейм го? - Сейил Иманды карады.
- Шаарды билбейт экен, таанышы да жок, жеткизип коюуга туура келди, - деп Иман айтканда Сейил:
- Жок-жок, шаарды жакшы эле билем, бул жерде эжем бар го, аны тааныйсызбы? - деп сурады.
- Өмүркандыбы, тааныбай анан, жолугушуп калабыз.
- Эмнеге эч кимди тааныбайм дедиң анан? - Иман аны жаман көзү менен карады. - Ушунча калп айтпасаң эмне болот?
- Эч нерсе эмес, боло берет, бөлөң сени тамашалаган тура. - Буланбек күлүп калды. - Гүлай, чай алып кел конокторго!
- Мына, даярдап жатам, - деп Гүлай көтөрүнүп келип калды. Чогуу отуруп тамактанышты, Сейилдин буту ачышып ооруп, шишип чыкты. Иман дарыканага барып, бинт менен мазь, дары көтөрүп келди. Ошону менен таңып алып, жатып калды. Эки буту тең жаралангандыктан, эртеси басалбай калган Гүлай өзү билгендей дарыланып жатты, ал медсестра болуп иштечү. Эртеси Иман бир жакка чыгып кетип, кечинде келет экен десе келген жок. Сейил бутунун минтип калганына кейип жатты. Үч-төрт күн дайны билинбей калганда Буланбек кабатырлана баштаган, анын жумушун билген Иман өзү жолугуп:
- Мен кайра үйгө кетип жатам, менин айылга кеткенимди Сейилге айтпай эле койгула, - деди.
- Эмнеге?
- Эк, аны апам мага жармаштырып жанды койбойт, дайнымды билсе жетип барбасын, - деп агасы менен коштошуп чыгып кетти. Буланбек күлүп кала берди:
- Кызык эле бала болду, үйлөнүп алса болмок, жакшы эле кыз экен, - деп сүйлөнө анын артынан чыгып таппай калды. Сейил ал келбей калгандан кийин кетмек болду, бирок эки тизеси тең ооруп бастырбай үйдөн чыга албады. Ага Гүлай жакшы карап жатты. Бир жума болгуча келбегенден кийин эжесиникине кетти. Буланбек жылмайып гана тим болду. Иман үйүнө келээри менен Сыйда шыпылдай жасакерлене калды.
- Кайда бардың, уулум?
- Шаарга.
- Буландарга жолуктуңбу?
- Ооба.
- Келээр-койорун айтпадыбы?
- Жок.
- Ийи, баса…
- Бирдеме айтайын дедиңиз беле?
- Сейилди сурайын дедим эле, ал үйүнө кеттиби же кайда кетти билбей калдым, - деп тайсалдай калды.
- Ал үйдө калбады беле?
- Сенин артыңдан кеткен, бечара сенде көңүлү бар.
- Койсоңчу, апа, кайдагыны айта бересиз, ал сиздин сиңдиңиз да? - деп башын чайкай өз бөлмөсүнө кирип кетти.
- Ыя, Иман, Акылбүдөн кабар алдыңбы? - деди артынан Сыйда.
- Ал Америкада экен.
- Ыраспы, садагаң кетейин десе, бактысы ачылса эле болду кызымдын, - деп кубана артына кайрылып кетти. - Менин кызым чо-оң шаарда, биздин айылдын эч кимиси көрбөгөн Америка деген жерде жүргөн экен да, оо кудай, жалгыз кызымдын бактысы кут болсун.
- Балаң келдиби? - деп Ботобек ага кайрылды.
- Ооба, келди.
- Кайда барыптыр?
- Буландарга жолугуп келиптир, жакшы жүрүшөт дейт.
- Мейли, тынч болсо болгону, - Жайынча кобуранып, ары басты. Ар күнкү жашоо билинбеген менен кадимкидей эле өтүп жаткандай сезилет, бирок Имандын жашоосу өтө эле кыйын болду. Түн кирсе эле ал башка өлкө, башка жерде, бөтөн ааламда жүрөт, өзү дагы ишенбей кетет. Бирок дилинде көргөндөрү дайын тургандыктан, тана албагандай абалда. Үйлөнүп башкалардай эле жашоонун түйшүгүн артынып, бала-чака күтүп, пенделик парзын өтөгүсү келет. Ага жол бербеген бир гана нерсе турат көңүлүндө. Азиза бир кездерде жаркылдап жашоосуна кирип келчүдөй сезип күткөнү күткөн. Арадан дагы бир жыл өттү, кеч күз. Бир күнү анын көзүнө: "Мен мындамын", - дегендей узун, ак жылан көрүндү да, кайра жок болуп кетти. "Келген экенсиң да, сагынып калган көрүнөм, адамзатынан эмес, сени буйруп жатса көнбөгөндө кантем, бул менин тагдырым", - деп жылмайып алды. Анын ойлуу верандада турганын көргөн Сыйда:
- Кирсеңчи, балам, ичке, босогодо туруп албай, - деди өзү кирип келе жатып. - Күүгүм болуп калды, бир жакка бармак белең?
- Жо-ок, короого эле чыгам.
- Эрте кел, тамак даяр.
- Ийи-и, - деп чыга жөнөдү. "Тынчыраак ойлонто коюшпайт", - деп эшикке чыгып, абадан кере дем алып, улутунуп алды. "Өмүрдүн күлгүн курагы, жыйырма жетиден өтүп баратат, али үй-бүлө кура элек", - деп ата-энеси кээде үйгө келгендерге кеп кылганын уккан. Телмире тээ көктөгү жымыңдаган жылдыздарды карады, жылт-жылт этип, не бир кооз, табигаттын түнкү кооздугу өзүнчө бир керемет. Айлана жымжырт болуп, жан дүйнө эс ала түшөт, айрыкча жабыр тарткан жүрөккө ушундай тынчтыктан өтөөрү жок. Тигинде балбылдап ай чыгып келе жатат, кадимки оттон жаңы алган кыпкызыл ысык токоч сымал тептегерек болуп, жер бетине нурун чачыратып, кандай жакшылыктарга күбө болоор экенмин дегендей жай жылып чыгып келе жатты. Ойлуу карап турган Иман: "Ар дайым ушундай тынчтык болсо ээ, жаркыраган ай дагы адамдардын калпыстыгынан жадагандыр. Кандай жакшылыктарга күбө болсо, ошондой эле кылмыштардын да күбөсү го, неге адам бир аз жашоосунда жер үстүнө сыйа албайт, неге көрө албастык, кайдыгерлик күч", - деп ойлонуп тура берди.
- Кирбейсиңби, Иман, - деди апасы ичкериден.
- Баратам, - деп үйгө кирип келатып: "Дагы баягы ырларын башташпаса экен, эмнеге эле үйлөн дей беришет билбейм", - деп беймазалана отуруп калды. Алдына койгон тамакты жай ичип, эми туруп баратканда Сыйда ага кайрылды:
- Балам, ушинтип эле жүрө бересиңби?
- Эмне кылышым керек эле?..
- Жер каз, уктуңбу, ыя, ат-таңдын оозун урайын десе, сенин бой жүргөнүңө энең экөөбүз кабатырланып жүргөнүбүздү качан түшүнөсүң?
- Ата, үйлөнөөр кез келет, - деп коюп, өз бөлмөсүнө өттү. Апасы ачууланып турган күйөөсүн зорго тыйды.
- Тим кой, өз эркине коюп койолучу, эмне кылаар экен.
- Эмне, бул балаң аялга жарабайбы, болбосо доктурга көрсөтүш керек, аял ал десе эле качат, балаңдурайын десе, - деп акырын күңкүлдөдү Ботобек. Ошентип күндө, же эки-үч күндө бир айта берип, тажаганда унчукпай калышты. Ошол жылдарда алардын малы абдан көбөйдү, бир жылкысы эгиз кулун тууп, аны өз баласынын баласына энчилеп, башка короого бактырып жатты, ырымы ошол болот имиш. Кой-эчкиси болсо жылына эгиздеп, короосуна батпай кеңейтмек болду ошол жылы. Уйлары андан, кыскасы болуп көрбөгөндөй байып баратты. Канча жылдардан бери малдын башы турса да көбөйбөй эптеп уругун үзбөй келишкен. Буга Ботобек таңгалган жок, жакшы багып, жакшы карап жаткандыкы деп ойлоп койот өзүнчө.
Иман азиздер менен аруулардын колдогонун, баары Азизага байланыштуу экенин сезип эле жүрдү. Ал карындашына бергенден калганын шаарга барганда өткөрүп, акча кылып келген. Үй-жайын оңдомок болду оюнда, баягыда апасына дагы бир үзүктү гана берген. Эртең үйгө керектүү материал алып келмек болуп, ал күнү эс алып жатып калды. Уктап-уктай электе эле бир күч аны алып жөнөдү. Азиза аны таарынгандай тосуп алды, бир аз салкын сүйлөшкөндөй болду. Бирок көп өтпөй таарынычы жазылып, Азиза аны ээрчитип жөнөдү. Баратып эле гүл бакка туш келишти, мурдагыдан да өткөн кооз, атылып чыккан оргутмалар алдында чычырандысына чагылыша жылт-жулт этип, айлана ого бетер көрктүү. Суу толгон тегеректин дал ортосунда чо-оң аппак жылан жатат, ырахаттанып сууга түшүп жаткан адамдан бетер улам оодарылып чумкуп алат. Анын чекесинде катар тизилген жыландар башын көтөрө ак жыланды карап турушат. Андан ары өткөндө майда жыландардан баштап, сойлоп жүрүүчүлөрдүн баары өз-өзүнчө катарынан жатышканын көрүштү.
- Бул менин атам, ал сени бир жолу көрмөк болгон, - деди Азиза бир кезде.
- Эмнеге?
- Келечекте кызынын чоочун чөйрөгө аралашуусунда түбөлүк бирге боло турган адамынын кандай экенин билгиси келет.
- Кантип билет?
- Бир көрүп, адамды турган турпатынан эле байкайт, - дегенде Иман чочулай сууда жаткан аппак жыланды карады.
- Кантип?
- Чүш-ш, ал адамдардын тилин да билет. - Азиза сөөмөйүн оозуна такады.
- Кызык экен.
- Биз адамдардын жытын бир чакырымдан билебиз, жаман ойлуусун да сезип турабыз, - деп жылмайып койгондо Имандын оозуна сөз кирбей калды. Унчукпай басып бара жатышты. Азизанын аппак жер чийген көйнөгү желге желбирей, саамайлары сеңселип, жүзүнө жарашып, кудум көпкөк мейкиндикте учуп бараткан аккуу сымал каалгып кетип баратты. Саал артында баратып ага суктанып алды Иман. Көпкө айланып басып жүрүштү. Ошол кезде Азиза кайрылып Иманга суроо берди:
- Сен өкүнгөн жоксуңбу?
- Жок, эмнеге өкүнөм?
- Менин сени жактырып калганыма.
- Эч кандай, кайра суктанып келем.
- Ыраспы?
- Чындык.
- Рахмат, - деп күлүмсүрөй астыга басып баратып, - Убакыт өттү, коштошобуз, келээрки жылга чейин сак-саламатта бол, - деп узап барып жок болуп кеткенде ойгонуп кетти. Көзүн ачса койнунда бажырайган гүл жатыптыр, аны жана Азизанын соңунан баратып үзүп алган. Түшү эмес, өңү экенинин дагы бир далили болгон гүлдү колуна аяр алып, жыттап койду. Эмеле бакчадан үзгөндөй ырахаттана жыттап алды: "Ээх, сүйүү, чындап эле сүйүү деген керемет болот тура. Мен Азизаны сүйүп калдым, бат эле убакыт өтүп кетсе экен, айтканындай болсо өмүр бою бирге болмокпуз", - деп чалкасынан жатып, өзүнчө кубанычтуу жылмайып алды. Ал өмүрүндө биринчи жолу сүйүүнүн даамын татты, бирок өкүнүчтүү да, бактылуу да өмүрү табышмактуу дүйнөдө өтүп жатканын сезген да жок. Болгону жүрөгүн ээлеген ысымдын ушунчалык баалуу болуп, көңүлүндө уюп калганын түшүндү. Күндөр өтө берди. Айылда Имансыз той-топур өтпөй калган, даражасына жараша ырчы-бийчилерди чакырганы менен аны сөзсүз манас айтып бер деп чакырышат. Анткени Иман манас айтып жатканда тиргиликтин баары токтоп калган сымал жадагалса үлп эткен жел да жок, теребел мемиреп, адамдардын көз алдына кадимки Манас атанын чоролору жоо менен кырчылдашып согушуп, согуш майданында жүргөнү элестеп, баары дымып калаар эле. Качан гана айтып бүтүп, элге ийиле ордунан турганда жаалап калышат. Кайрадан тирүүлүктүн жышаанасы башталып, бака-шака, ызы-чуу түшүп, той өз ыргагын улантып кетет. Дагы бир той ээси Иманды кадырлуу конокторуна манас айтып берүүгө чакырып калды. Демейдегиден башкача маанайда барды Иман. Келген коноктор менен союлган койдун этин жеп болуп, артынан көк чай ичилди. Ошол кезде үй ээси Жолдошбек конокторуна карап:
- Бүгүн сиздерге өзүбүздүн уулубуз, Манас атанын өзүнөн ишарат алып, манас айтып жүргөн Иман балам бир сайрап берсин, - деп калды.
- Андай болсо угалы, кана, балам, өнөрүң болсо өргө чап.
- Саякбай ата биякта эле калат, бирок бул өзүбүздүн гана манасчыбыз. Айылыңда ушундай жакшылардын болгону жакшы эмей, илгертеден эл көңүлүн ачкан ак таңдайлар өткөн да, кана, уулум, баштай бер.
- Эмесе сиздерге Манас атанын бала чагынан баштап кеп таштайын, - деген Иман малдаш токунуп, жеңин чыканакка чейин түрүп, көзүн жумду да, айтып кирди. Отургандар баланы карап алып, үндөбөй сыйкырлуу жомокту өз көздөрү менен көргөндөй мемиреп, күпүлдөп айтып жаткан Имандын ар бир кыймылын тиктеп отурушту. Канча отурганы белгисиз, кыймылдаар түрлөрү жок, Иман деле козголбой айтып жатат. Эл жатаарда айтып баштаган Иман токтобой күчөп киргенде Жолдошбек чочулап калды. Таң агарып калыптыр. Акырын аны ийинден ала түрткүлөгөндө гана кадимкисиндей эле токтотуп, терин аарчыды.
- Аз-зама-ат, бул укмуш болду го ыя, кереметине тартып кеткен мындай манасчыларды көргөн эмесмин, кээ бирөөлөр китептен жаттап алып эле күпүлдөп калышат, тажап кетесиң, - деди коноктордун бири. - Мына бул менин сага берген ыраазылыгым, жигит, ылайым өркөнүң өссүн.
- Укмуш ай, сен иним минтип айылдагылардын эле жарпын жаза бербей дүнүйө жүзү уккудай болушуң керек, бул талантың айылда калышына каршымын, - деди бири. Ошентип Иманга коноктор өз сыйын жасап, акча беришти. Жолдошбек өз атагын чыгарыш үчүн бир ат мингизди. Буга чейин деле коноктордо болуп, көп сыйлыктарды, кой-козу алып жүргөн, бул анын эң чоң сыйы болду. Чапан жамынып, башына ак калпак кийип, токулуу атты минип келген уулун көргөн Ботобек сыймыктана карады.
- Оо, уулум, башыңа сыймык конот деген ушул, бул айылдын эң кадырлуусу сен болдуң буйруса, - деп аттан түшөөрү менен жээрде аттын токулгасына суктана ары жетелеп кетти. Сыйда чыга калып, колундагы чыны менен сууну башынан тегеретип чачып:
- Ушуну менен бар балакеттин баары, жаман сөзү, жаман көзү талаага чачырасын. Өзүңө атак-даңк менен кадыр-барк орносун, уулум, кир үйгө, артыңды карабай кир! - деди чыныны көмөрүп жатып.
- Ыкыбалы көтөрүлсүн, сен экөөбүз берген жокпуз ага кудай берип жатат, муну ким намаз оку деди, бардык ишарат кудайдан, - Ботобек атты байлап келип ага карады.
- Ооба, айланайын кудай, өзүң жалга, жалгагандан жазба. Уулу ала келген устукандан, боорсок менен момпосуйдан ооз тийип, ичтеринен тына жаратканга ыраазы ата-энеси.
Ботобектин аталары өткөн, кыз алышкан туугандары бар эле. Адылбай менен Ботобектин үчүнчү аталары бир тууган эле, көптөн бери катышпай кеткен. Адылбай абдан бай турчу, балдары дагы бизнес менен алектенип, жакшы турушчу. Ошол той берип чакырып, Иманды да ала келүүсүн өтүнгөн экен. Айтылган күнү тойго барып калышты. Кызыктын баары дал ошол тойго келген эле түнү болду. Адылбайдын эң кичүү кызы абдан сулуу, акыл-эстүү, чоң окууну бүткөн, бирок турмушка чыгаар түрү жок. Ага куда түшүп, көз салгандар көп болчу, Азиза аларды карап да, угуп да койгон эмес. Ботобектер таксиден түшүп, алардын үйүнө кире бергенде туугандар учурашып калышты. Азиза үйдөн чыгып келе жаткан, Иманды көрүп колундагысы түшүп кетти. Ары-бери кирип-чыгып жаткан жеңелери ага таңгала сынып калган чыныларды терип, улаганы тазалап коюшту. Аларды баштап ичкери кирип келе жаткан Адылбай:
- Кызым, булар сенин чоң аталарың болушат, учураш, кызым, - дегенде артта келаткан Иман дагы аны көрүп, чочуй колундагы баштыгын таштап ийди. Сыйда менен Ботобек эч нерседен капарсыз эле Азизаны өөп, үйгө кирип, орун алышты. Иман менен Азиза бир саам тиктешип калды да, адегенде Иман:
- Саламатсызбы? - деди.
- Саламатчылык. - Азиза дагы көзүн албаган бойдон жооп берди.
- Менин атым Иманбек.
- А мен Азизамын. - Азиза жылмайганда бакчадагы жыландардын ханышасы маңдайында тургандай болуп туюлду Иманга.
- Азиза?!
- Ооба, эмнеге таңгалдыңыз?
- Аа-а.., жөн эле…
- Тууган экенбиз.
- Ошондой.
- Эмнеге келчү эмессиңер?
- Аны билбейм.
- Аталарыбыздан го ээ?
- Ошондой го.
- Окуйсузбу?
- Жок, бекерчимин.
- Эмнеге окуган эмессиз?
- Сабак билбейм.
- Кантип, ушундай бакыйган жигит окуу билбейм десе күлкүлүү угулат экен.
- Мейли.
- Иштейсизби?
- Жок.
- Ата-энеңерге жамынган жалкоо болсоң керек?
- Балким, кирсем болобу? - деди Иман Азизаны карап.
- Аа-а, кечирип кой, эсимден чыгып кеткен тура, киргиле үйгө, - деп каалганы ачып ичкери киргизди. Иман төргө өткөндөн кийин: "Кызык го, бул Азизага абдан окшош экен, эмнеге мындай? Өзү дагы тике кыз окшойт, тартынганды билбесе керек, кызыгы кантип окшош болот, же мен жөн эле окшоштуруп жатамбы", - деп ойлоно кетти. Коноктор абдан көп болду, короонун ичи-сыртында эл кыжылдайт, көчө жеңил унааларга толгон. Үч-төрт бөлмө менен чоң залда жык-жыйма коноктор. Тойго арналган сый тамак ичилгенден кийин сыртка чыгып, музыка коюшуп, бийлеп киришти. Андан кийин чакырылган ырчылар алып баруучунун дайындоосу менен ырдап жатты. Бир-эки саат коноктор каалашынча көңүл ачкандан кийин эшиктин алдындагы сөрүгө Иманды чакырышты. Ал тойго арнап сөз сүйлөп, эки жашка тилегин айтты да, манас айта баштады. Баятан бери бака-шака болуп, эки-үчтөн өздөрүнчө сүйлөшүп турган эл сөрүгө жакындады. Жетпегени моюндарын созо умтула карайт. Канча айтса да чарчабаган Иманды тегеректеген эл дале тажабагандай, кайра кулак салып муюп турушкан. Түнкү мээлүүн абада чыйрыкканын сезбей айтып жатты Иман. Ошол убакта эл өзүнчө кобурашып атты.
- Тобоо, кудай талантты буга берген экен да.
- Ошону айтсаң, үч сааттан бери чарчаганын сезбеди.
- Манас атанын, манас айтчулардын арбагы колдоп турат экен.
- Ошондой, болбосо жаттагандар айталбайт мынчалык.
- Алла талаа берем десе өзү билет тура, маңдай чачында агы бар экен, байкадыңарбы баланын эки жагы жарк-журк этип турганын.
- Ооба-ооба, бир касиети бар экен, - дешип күбүр-шыбыр болуп жатканда четте турган Азиза турган жеринде жыгылып түштү. Иман манас айтканын токтотту.
- Өркөнүң өссүн, балам, - деп, бир карыя Иманга бата берип, калпагына жүз сом кыстарды эле, кезек менен тойдун катышуучулары бүт акча кыстарышты. Азизаны үйгө алып киришти. Ал оозунан көбүк чыгып тиштенген бойдон көпкө жатты. Көптө барып көзүн ачканда ага Сыйда келип:
- Айланайын, деги түзүксүңбү? - деди.
- Түзүк элемин.
- Ушул талма кайдан да жабышты билбейм, - деп кейиди кыздын апасы Атыркүл. - Ушунун айынан эле кызым байкуш кыйналды.
- Кичинесинен барбы?
- Жо-ок, мектепти бүтөөр жылы, үч жолу ак жылан көрүптүр, ошондон кийин эле ооруп калды.
- Капырай, азиздердин жолуна деп куран окудуңарбы, арууларга багыштап, нан жасап, шам жагышыңар керек эле.
- Аны кайдан билебиз, Адылбай андайга ишенбейт эмеспи?
- Ботом, ишенбейт деп баланы кыйнаганыңар болбойт.
- Эми жасасак болобу ырым-жырымын?
- Болот, ар шаршембиде шам жаккыла.
- Той өтсө андан кийин Адылбайга айтпай жасайын.
- Айтпай койчу беле, чогуу отурбасаңар болмокпу, үй-бүлөнүн чогуу болгону жакшы болот, тилек кылгыла.
- Мен ошондойду билбейм, Адылбайга сиз айтсаңыз.
- Айтам эле, кебимди укпай көрсүн, - деп Сыйда ишеничтүү айтты. Азиза өзүнө келип калгандан кийин конокторго чыгышты. Сыйда: "Мен үйгө барып кайра келейин, Азизадан Иман баш тартпайт чыгаар. Бизге келин болуп калса өзү дем салып, аруусунан арылтып алат", - деп өз оюна өзү кубанып алды. Сыйлуу, алыстан келген конокторун узатып, анан ага-ини сүйлөшүп отурушту. Ботобек дагы аялы ойлогонду ойлоп калган. Азиза чынында татынакай кыз эле, бетинде бир тагы жок апакай, мурду кырдач, кашы чыгып келе жаткан айдай кыйгачынан келип, оозу оймоктой болгон кара көз сулуу кыз. Кадимки жомоктордогу айтылчу үрдүн кызындай үлпүлдөп назик дагы.
- Көп жыл катышпай калдык, силер келбедиңер, биз барбадык дегендей, балдар дагы бири-бирин тааныбай калышты. Мындан ары келип-кетип тургула, той-топур болсо айттырып, тууган экенибизди унутпайлы, - деди Адылбай агасын карап. - Заман өзгөрүлдү, аны менен бирге адамдардын жашоо-деңгээли да башкача болуп баратат, ушинтип өмүр өтө берет экен, картайып баратабыз.
- Сен менден кичүүсүң, агам бар эле деп каттабадың, сени такыр унуттубу деп ойлодум эле, кудайга шүгүр, иним, эсиңе алыпсың.
- Кечир, аке, ортодон бир топ жыл өтүп кетти, бул жакка келгенден кийин орун алып калдык, балдар окуп-чокуп дегендей мүмкүнчүлүк деле болбоду. Чоңойгон кезде кызыбыз капысынан ооруп калды.
- Эми кудай кандай кылам десе өз эрки экен, мындан аркысы жакшы болуп кетсин, өмүрү узак болсун, айланайын. - Сыйда шыпшынып койду.
- Азиза төрөлгөндө дайыма жанында аппак жылан жүрө берчү, адегенде коркуп жүрдүм, кийин ак чачып койсом сойлоп кетип калчу, - деди ошондо Атыркүл. - Бул жети айлык болчу, атасынын жумуштан колу бошобойт. Отургузуп коюп сыртка чыгып, кайра кирип келсем жыланды кармалап ойноп жатат, жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпа, балдар ойноп кетип калышыптыр.
- Анан эмне болду? - Сыйда сурап койду да, Имандын бешиктеги кезинде да жанынан аппак жылан көргөнүн эстеди.
- Коркуп кетип, кайра чыгып сүт алып келип, чынысы менен коюп карап турсам акырын сойлоп келип сүттү ичип кетип калган, ошондон кийин дайыма көрчүмүн.
- Азиздер колдойт тура.
- Ошол үчүн эле Азиза деп койгон апам, биз Адылбай экөөбүз түшүнбөгөнбүз да. Өзүнүн аты Акбермет.
- Андай боло берет, жылан катылбаганга катылбайт, - деп сүйлөшүп отуруп кеч жатышты. Иман: "Демек Азизанын аты ошондон коюлган тура, окшоштугу да ошондон болсо керек", - деп ойлуу сыртта басып жүрдү. Баары жаткандан кийин анын жанына Азиза келди.
- Биз бир жерден жолугушкандайбыз.
- Балким мурунку жашообузда жолуккандырбыз.
- Түшүнбөдүм. - Кыз жигитти таңыркай карап калды.
- Мурун биз тааныш болсок керек, анан дүнүйөдөн өтүп кеткенбиз да, кайра жаралганбыз.
- Ошондой болобу?
- Укканым бар, ишенээр-ишенбесимди билбейм.
- Мен сени качандыр бир кезде эмес, жакында бир жерден көргөндөй болуп турам.
- Ким билсин, мен дагы ошондой ойдомун.
- Үйлөнгөнсүңбү?
- Жок.
- Эмнеге?
- Кыз жакпайт.
- Кантип эле…
- Ошентип…
- Кызык экен, кандай кыздар жагат сага? Толуп жатпайбы?
- Өзүң күйөөгө чыктың беле?
- Жок ай.
- Эмнеге тийбей жүрөсүң?
- Эч кимге жакпайм.
- Сендей сулуу кыз кимге жакпайт экен?
- А сага жагамбы?
- Карындаш катары.
- Канчадасың?
- Жыйырма алтыда.
- Анан мени карындаш дегенге жарап калдыңбы, иничек? - деп Азиза ага сырдуу жылмая кайрылды. - Мен деген отуз бирге чыктым.
- Кантип сен аябай жаш көрүнөсүң го?
- Баары ошентип айтышат.
- Чынында кызык экен, ошентип чоң энемин дечи?
- Ошондой десе да болот, эртең кетесиңерби?
- Ооба, бүгүн кетирбей коюшпадыбы.
- Канчадан бери көрүшпөгөн туугандар жакшылап сүйлөшүп алышсын, тоскоол болуунун кереги жок, үшүгөн жоксуңбу?
- Жо-ок.
- Анда жакшы эс ал, мен жаттым.
- Түнүң бейпил болсун.
- Рахмат, - деп Азиза кирип кетти.
- Жакшы жат, менин Азизам, - деп улутуна терең дем алып алды Иман. Ал азыр ханыша Азизаны эстеди, убакыт өтүп жатат. Баары жай-жайы менен өтүп бараткансыган менен жүрөгүнө бир нерсе жетпей тургандай жан дүйнөсү эңгиреп кетет. Азизанын артынан кирип өзүнө даярдалган орунга келип жатып калды. Эртеси Адылбай ага-жеңесине баалуу кийит кийгизип, Иманга беш миң сом берип, бир ат мингизди.
- Келип тургула эми, бөлөк эмеспиз, бир атадан тараганбыз.
- Жакшы тургула, буйруса келип турабыз, балким кайрадан арабызды жакындатаарбыз, - деди Ботобек сырдуу.
- Антпесек болбойт, канткен менен бир тууганбыз, - деп Адылбай сөз төркүнүн этибар албай узатып кала берди. Аларды терезеден карап турган Азиза: "Мен тийсем Иманга гана тийем, болбосо эрсиз өтөм", - деп ойлоп, жүрөгүнүн теңи Иман менен кошо кеткендей ээнсиреп калды. Иман дагы артын кылчак-кылчак карап коюп, аялдамадан ата-энесин таксиге отургузуп, жүгүн салып берди, анан өзү ат менен жөнөдү. Аралыгы төрт-беш чакырым болгон коңшу райондон атты минип кетип баратты. Ээн жерде эски мүрзө боло турган, күүгүм ченде жеткен Иман аттан түшүп, чөк түшүп отура калып, узакка куран окуду, ошенткен соң кайра жолун улады. Бир топ узап кеткен, аттын дүбүртү угулуп, жан-жанынан жоокерлер чаап өткөнүн көрүп эле турду, бирок эч нерседен коркпостон келме келтирип, жүрүшүн уланта берди. Айылга жакындаганда алар жок болуп кетти. Ээн талаа бүтүп, айылдын бирин-серин жарыгы көрүнүп, калың мүрзөгө келди. Анда достору жаткандыктан, аттан түшүп куран окуп бүтүп, эми атка мингени жатканда көрүстөндүн батыш жак четинен кобур-собур үндү эшитти. Көңүл буруп караса коңшусу Алсейит, Ринат менен Кумар, Талгат болуп отурушуптур. Алардын сөзү даана угулган жок, бирок кадимкидей эле караандары көрүнүп, үндөрү угулуп турду. Атынын башын буруп, үйүн көздөй жөнөдү. Кеч келип, жатып калды. Эртеси таңга маал жакын жерден өкүрүк угулганынан туруп, эшикке чыга калса, коңшусунун үйүндө эл көп, өкүрүктөрдүн ошол үйдө чыкканын билип, кайра кирди.
- Апа, ээ апа.
- Эмне болду, балам?
- Коңшунукунан өкүрүк чыгып жатат да?
- Алсейит өтүп кетиптир, жаш эле байкуш эки эле күн ооруптур.
- Жаман болуптур, - деп кечиндеги көргөнүн эстеп алды, "Демек күн мурунтан эле арбактарга кошулуп калат тура, жаны жаннатта болсун", - деп купуя ойлоп алып, жуунуп сыртка чыкты. Ботобек коңшу катары каралашып жүргөн, бир аздан кийин Сыйда дагы кетти, топтошкон эркектерге кошулуп Иман өкүрүп барды да, көз көрсөтүп коюп кайра тартты. Үй тиричилиги менен алышып, малдарын киргизчү короонун бузулган жыгачтарын оңдоп жатты. Малы көбөйгөн сайын сарайга батпай төш жактагы сарайды сурап алып, кышкысын ошол жакта болуп калышкан, чабырларын гана үйгө карашат. Эки күндөн кийин Алсейитти коюшту, аялы менен балдары ыйлап кала берди, эң улуусу он төрт-он бештердеги кыз. Колунда да жок эле, аялына кыйын болду дешип көпчүлүк боор ооруп жатты. Иман ойлонуп отуруп, Азизаны көргүсү келди, кандай болгондо жолуга алаарын билбейт, ата-энеси болсо үч күндөн бери коңшусун атказып жүрүп, бүгүн келди. Сыйда колу бошоп, күйөөсүнө оюндагысын айтып кеңешмек болду.
- Чал, мен бир ойду ойлодум, туура эле болчудай.
- Кандай ой?
- Тиги Адылбайдын кызына куда түшсөк кантет?
- Азизагабы?
- Ийи.
- Болот, болбогондо эмне, илгертен эле сөөк жаңыртканга болуп келген.
- Анда мен барып сөз четин чыгарып келейин.
- Койо тур, арадан бир-эки ай өтсүн.
- Ой, кызды бирөө алып кетсечи?
- Ушуга чейин албаган эмеле алып кетет беле?
- Кыз жаманы кыроо деген, көз оорудай бирөө жармашсачы?
- Буйруктуу болсо эч жакка кетпейт, балаңа кеңешип көрбөйсүңбү, уят кылып жүрбөсүн?
- Ырас эле, кандай ойдо экенин байкайын.
- Ошент, кемпир, аның баш тартып койсо алардын бетин карай албай калабыз, мен дагы ошону ойлогом, бирок Имандан чочуп турам.
- Кудай буйруса, Азиза жакшы келин болчудай. - Сыйда кудуңдай күйөөсүнө кайрылды. - Макулдашып калсак качан киргизебиз?
- Макул болсо дароо эле алып бериш керек.
- Туура, ошондой кылалы, - деп эрди-аял кеңешип отурганда Иман кирди. Атасы менен апасы бири-бирин карап: "сен башта", - дегендей ымдашып калды, аны сезген Иман:
- Эмне, бир кеп болдубу, ата? - деп сурады.
- Жо-ок, кеп деле жок. - Ботобек аялын карады.
- Уулум…
- Апа, эмне дегиңер келди эле?
- Уулум, биз сени менен кеңешели дегенбиз…
- Эмнени?
- Сени үйлөнтүш керек, - деген Сыйда көзүн ала качып күйөөсүнө карап кетти.
- Адылбайдын кызы жагаар дейм? - Сынай сурады Ботобек.
- Азизабы?
- Ийи, ийи ошол…
- Ошону айтып жатабыз, балам, - деп кубанып кетти Сыйда.
- Ата, апа, азыр ага баруунун кереги жок, оорукчан немени силер багасыңарбы же мен багамбы?
- Эмне дейт? - Ботобек уулун ормойо тиктеди. - Эмнеси оорукчан экен ал кыздын?
- Талмасын айтасыңбы? - деди Сыйда ойлуу.
- Ооба, талмасы кармап өлүп калса кантебиз? - Иман күлкүсү келип, чай ууртай ылдый карады.
- Койсоңчу, балам, андайлар боло берет, төрөп-түшкөндөн кийин эле калып калат. - Сыйда ыңгайсыздана айтты муну. - Дени-карды соо ким бар экен, балам, ажал келсе кеселман эмес соосу да өтүп жатпайбы?
- Кыскасы, убара болбогула.
- Ушинтип жүрө бересиңби?
- Убакыт келет.
- Качан эми отузга барайын деп калдың, сенин балдарыңды көрсөк болот эле, карт бойдок болуп жүрө бергениң болбойт.
- Жо-ок, өз убагы келет дедим го? - деп коюп Иман кебелбей адатынча өз бөлмөсүнө кирип кетти. Сыйда: "Ырас айтат садагам, оорулуу аял алгандан чочуйт да, анын үстүнө алган аялы өлүп калбадыбы. Мейли өзү билсинчи, каалаганын алсын, аман болсо болду", - деп отуруп калды. Иман бөлмөсүндө жатып алып өзүнчө күлдү. Ата-энесин сүйлөтпөй койгонуна күлкүсү келди.
Арадан билинбей дагы алты жыл өтүп кетти. Элдин өзгөрүүсү уламдан-улам күчөгөн менен жакырланганы мындан көп. Шаарга келген Иман абдан таң калды. Агасы менен аялы экөөнүн бир кыз, бир уулу болуп, короодо төрт машинасы бар. Мурда кабат үйдө, бир бөлмөдө турса азыр зыңгыраган особнякта турушат. Көчөгө чыкса жүдөгөнү, эптеп бирдемени илип алып, майда-барат сатып тытынганы, жол-жолдо отуруп алып, кайыр сураганы мындан көп. Шаар кыдырып жүрүп, бир далай кызыктарга туш болду. Бир лөлү аял анын артынан ээрчип алды:
- Оо жигит, мага караң, оо жигит, сени бир чоң жаңылык күтүп турат, айтып берем, токточу, жигит.
- Мен билем, сенден сурабайм, - деди Иман орой, анткени ал лөлүлөрдү жактырчу эмес.
- Сен билбегенди айтып берем, сен жыландын жаны берилген аялга үйлөнөсүң, ал аял сенден үч уул төрөйт, бирок аны жыландар чагып өлтүрөт, сен ошол бойдон үйлөнбөй өтөсүң.
- Калп.
- Чын айтам, эгер менин айтканым менен болсоң аялыңды өлбөй турган кылам, анткени өзү ыраазы болуп, ошол кызды сага жөнөткөнү менен кызганыч аны тынч жаткырбайт, жолун торосо болот.
- Кантип, жыландарды келтирбей койсо болобу?
- Эмнеге болбосун, боло-от, балам, менин бал китебимде дубасы бар, ал үчүн менин жанымда болушуң керек.
- Канча күн?
- Үч күн жетет.
- Макул, канча аласың?
- Миң сом болот.
- Көп го?
- Ошончолук дуба күчтүү, - деди лөлү жымыя.
- Болуптур, азыр баштайсыңбы?
- Ооба, үч күн катарынан келип турасың, азыр китепти алайын, - деп далдоого отуруп баштыгынан китеп алып чыкты. Ошентип үчүнчү күнү барганда дубаланган кагаз менен катырылган камырды бекем таңып салып алды.
- Эмне кылам буларды?
- Аял алгандан баштап өзүңөр түнөгөн үйдүн бурчуна буларды коюп койосуңар, - деп лөлү эки сызык сөздү кошо жазып берди. - Муну аялың экинчи баласын төрөгөндөн кийин күндө жатаарда, эртең мен туруп жатып, бир жакка жөнөөр алдында, күнүнө үч ирет кайталайсың. Муну унутпай аткарышың керек. Туура кырк бир күн кайталагандан кийин бул кагазды эч ким баспаган, эч ким жетпеген жерге көмүп коюп, артыңды карабай кетесиң. Ошондо гана сенин үй-бүлөң сакталып калат, сен ал жерди билесиң, үңкүрлүү зооканын түбүнө.
- Менин али үйлөнөөр убактым белгисиз, ошого чейин кайда катам?
- А сен үйүңө бараарың менен үйлөнөсүң, ал сен тааныган кыз, эми андан ашык айталбайм, болду бар, - деп лөлү аял ары басып кетти.
- Эгерде келсем кайдан табам?
- Ушул жерде болом, атым Лола, Лола эже десең таап беришет.
- Жарайт, - деген Иман кетип калды. Агасынын үйүнө келсе алар айылдан апасы келгенин айтты. Сыйда келин алганга даярдык көргөнү базарга кетиптир, келини Гүлай кошо кеткен болчу. Буланбек ал жөнүндө эч нерсе айткан жок. Кечке маал алар көтөрүнүп келип калды…
Азиза Иман кеткенден кийин ооруп калды, тез-тез аруусу кармап, оозунан көбүк чыгып, көзү аңтарылып эле жатып калат. Бир күнү апасы Атыркүл кирип келсе уктап жаткан Азизанын бою менен тең аппак жылан бойлошо жатыптыр. Коркуп артына кайрылып барып, ун чеңгелдеп келди да, оозун ачып туруп калды, анткени эмеле Азизанын бою менен тең болуп жаткан аппак жылан көздөн кайым болуптур. Кызы эч нерседен капарсыз уктап жатат. Атыркүлдүн жүрөгү дүк-дүк этип, муундары калчылдайт. Азизанын жүзү нурданып, эки бети кызарып күлүп жаткандай көрүндү. Бир аз карап туруп, калтыраганы токтобой артына кайрылды. Эси эңгирей бир аз отурду, кайра ыргып тура калып, айылдагы бир көзү ачыкка шашылып жөнөдү. Ага келсе кезек күткөндөр көп экен. Бир аз күтүп туруп калды эле, эшикти ачып башбаккан көзү ачыктын жардамчысы:
- Бул жерге кызынын оорусу менен келген бирөө бар экен, кимиңер талма оорусу аркылуу келдиңер эле? - деп сурады.
- Мен, - деп тура калган Атыркүл кезек күткөндөрдү сыдыра карап алып, ичкери кирди.
- Сиздин келгениңизди кишилерим айтты, сиз кабатыр болбоңуз. Кызыңыз манас айткан адамга турмушка чыгат, ошондон кийин анын оорусу жоголот. Жанындагы жыландан чочубаңыз, ал өзүнүн жанын кызга өткөрүп жаткан экен. Кызың уктап жатканда анын үстүнө такыр кирбеңиз, эгерде чала өтүп калса кийин кызыңызга кыйын болот, - деди көзү ачык аял Атыркүл кирип отураары менен. - Сиз аруулардын жолуна ар шаршембиде шам жакканды унутпаңыз.
- Мен…
- Жок, сиздин эмнеге келгениңиз мага белгилүү, кызың абдан бактылуу болот, бара бериңиз, - деди аны сүйлөтпөй эле. Атыркүл таң калып үйүнө келди, ал келгенде Азиза жуунуп жаткан экен.
- Турдуңбу, кызым?
- Ооба, апа, кайда кетип калдыңыз?
- Аа-а, коңшунукуна кирип чыктым.
- Ии-ий, - деп Азиза кыска чачын сылап-сылап койду. - Апа, чачымды өстүрсөм окшойт.
- Эмне, кырккан жакпай калдыбы? - Эне кызын сынай карады.
- Ооба, кырккым келбей калды.
- Ошонуң жакшы да, кызым, илгери чач кыркчу эмес эле, эми артынан карасаң эркек, алдынан көрсөң кыз, эркектердин шымын дагы кийип алганы кызык болду, - деп Атыркүл үйүнө кирип, чай ырастады. Адылбай шаарга кеткен. Ал эки-үч күндөн кийин келди. Ал келген күнү Атыркүл шашыла Азизага угузбай көргөнүн айтып келип:
- Манасчыга турмушка чыгат дейт, кандай болоор экен? - деди күйөөсүнөн кандай сөз угаарын чыдамсыздык менен күтө.
- Пешенесине кандай жазса ошону көрөт, кемпир, асты оорусунан сакайып кетсе болду, отуз жетиге чыгып калды, иши кылып бактылуу болсун.
- Менин деле тилегим ошол да, коркуп калдым.
- Коркпо, демек уктап жатканда кирбе, андан көрө аруулардын жолуна атап, үч жолу нан жасап, шам жаксаң боло?
- Ооба-ооба, ырас айтасың, - деп Атыркүл ойлуу отуруп калды. Азиза эч нерсе деле сезбеди, бирок уктаса эле жылан менен ойноп жаткан болот, андан коркпойт дагы, ойгонгондо эч нерсе эсинде калбайт. Көзүнө Иман көрүнүп туруп алат. Бир күнү апасына:
- Апа, баягы тууганыңардын үйүнө барып келбейлиби? - деди капыстан эле.
- Эмнеге, кызым?
- Деги айтам да…
- Атаң эмне дээр экен?
- Анда мен барып келбейинби?
- Эмне деп барасың, кызым?
- Учурашканы да.
- Койо тур, мен атаңа өзүм айтайын, - деп койду Атыркүл. "Чунак кыз, эмнеге баргысы келди экен, манасчыга тийет деди эле, балким Иманга тийеби? Алар унчукпаса өзү айтабы, ошо кантип болсун, Иман өзүнөн бир топ кичүү", - деп ого бетер ойго батты. Кечинде Адылбай келгенде Атыркүл өзүнүн сөзү кылып сөз баштады.
- Адыл, тиги акемдердикине учурашканы барып келбейлиби?
- Барса барып келели, алты жылдан бери же кабарлашпадык, эртең жөнөйлү, - дешип кеңешкен болду. Азизаны ойлобой экөө эле жөнөмөк болгондо Атыркүл:
- Азизаны деле ээрчитип алалы, ооруп дагы жүрөт, көңүлүн көтөрүп келсин, - деди.
- Мейли, ал өзүнүн машинасы менен барсын.
- Ырас эле, биз менен кысынбай барсын ээ? - деп Атыркүл ыраазы болду. Алар эки машина менен Ботобектердин үйүнө келип токтошту. Заңгырата оңдоп койгон үйүн көрүп таң калышты. Адылбай көрүп жүргөндө мындай эмес эле, короонун эшиги мындан заңгырайт, узунунан салынган бөлмөлөр, бири ашкана, бир жагы эт-аш илип кургатчу, ун-талкан киргизчү кампа, андан ары мал-сал кирчү короолор да жакшы курулган, баарына жарык киргизилген. Үйдө эч ким жоктой тымтырс болгондуктан, Адылбай короону кыдырып жүрдү.
- Булар кайда кетишкен, үйүн такылдатып көрчү.
- Азыр, - деп Атыркүл эшикти тык-тык урганда Ботобек чыгып келди.
- Келгиле, келгиле.
- Үйдө эч ким жок окшойт деп эле. - Атыркүл кайнагасынан иймене артка жылды. - Жеңем жок беле, аке?
- Аа-а, ал бүгүн келет, киргиле үйгө.
- Ассалоому алейкум, аке, кандай, жакшы жатасыңарбы?
- Жакшы, келгениңер жакшы болду, Сыйда шаардан келсе өзүбүз баралы деп жаттык эле, - деп аларды ичкери киргизди, - Кызым, кандай, иштериң жакшыбы? - Азизаны карап суроо узатты.
- Жакшы, ата, жакшысыздарбы?
- Баары дурус, айланайын, - деп залга киргенде үй ичинин жасалгасы, баары аларга жагып турду. "Тууганым байыган экен, же бизнеси болбосо кантип байыды, демек Иманбек манас айтып дүйнө жыйган экен", - деп Адылбай ойлонуп жатты. Ботобек эптеп дасторкон алып келип жайганда Азиза тура калып жардам берди.
- Убара болбой эле койсоңуз боло, чайды ичкенде эмне, жеңем жок болсо биз кете берели, - деди Атыркүл.
- Жо-ок, андай болбойт, минтип кызым келип жатса, силерди жөн эле кетире койбойм, келип калышат, алар келгиче мен өзүм силерди коноктой берем, - деп Ботобек болбой койду. Ошентип аркы-беркини, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, Адылбайдын ушул үйдө өткөн бала чагын эскерип отурушканда эшиктен машинанын дүрүлдөгөн дабышы угулуп, үндөр чыгып калды. Ботобек эшикке чыгып, Сыйда менен Имандын келгенин көрүп, кубанып кетти.
- Ой бул машиналар кимдики? - деди Сыйда күйөөсүн көрүп эле.
- Үйгө кирсең көрөсүң, - деди күлмүңдөй караган Ботобек. - Балаң экөөңөр шаардагы дүкөндү бүт эле көтөрүп келгенсиңер го?
- Ооба, уулум үйлөнгөнгө макулдугун берди, кудай буйруса… - деп келе жаткан Сыйда босогодо өздөрүн карап турган Азизаны көрүп, сөзүн токтото ага кайрылды. - Үйгө ким келип калган ыя, бу Азиза кызымбы?
- Кандайсыз, чоң апа, жакшы жүрөсүздөрбү? - деп Азиза жетип келип учурашып калды, чоң сумкаларды көтөрүшүп кирип келаткан Иман да аны жылмая карады.
- Кандайсыңар?
- Жакшы, өзүң кандай, иничек? - Азиза аны тамашалай күлө карады. Чогуу ичкери кирип учурашкандан кийин Сыйда алып келгендерин ортого коюп, арыдан-бери дасторкон үстүн жайната салды. Ботобек болсо дароо эле Иманды союшка жөнөттү. Ошентип бир тууган эки ага-ини бапыраңдап кобурашып жатты, казанда эт кайнап, шорпо келди. Меймандос кыргыз элинин колунан келсе бейиштин мөмөсүнөн да таттыргысы келет го, чиркин. Колунда жогу болгонун ортого салат, пейилинен нур чачкан элдин ырыскысы, бактысы дал ушул пейилине жараша болоору анык. Ботобектин сыйы Адылбайга абдан жакты, ыраазы болуп отурду. Имандын сырттагы жумуштан бошобой жатканынан улам Азиза анын бөлмөсүнө башбакты. Эки жагын карап көрүп жүрүп, кичинекей стаканга суу куюп салып койгон гүл көзүнө урунганда башы айлана түштү. Дендароо болуп, көзүн жума ошол бакчадан үзүп алганын көргөндөй акыбалда: "Ошондо үзүп алган гүл алигиче соолубадыбы, андан бери алты жыл өттү го", - деп ойлоп турганда Иман кирип артында турганын сезе койду.
- Сен кимсиң?
- Эмне болду, мен Иманмын, - деди Иман күлүмсүрөй.
- Бул гүл мага тааныш…
- Кантип?
- Ал бакчада ар дайым болом.
- Койсоңчу, кайдагыны айтпай, - Иман анын маңдайына келди. - Сен муну көп гүлдөргө окшото бербе.
- Ооба, көп гүлдөргө окшобойт, андан бери алты жыл өттү, сен али сактап жүрүпсүң да?!
- Эмне-е? - Иман кыздын көздөрүнө тигилип туруп, шарт эле артка бурулду. - Сен кантип?..
- Билбейм, Иман, сен экөөбүздү бир нерсе байланыштырып турган өңдүү.
- Түшүнбөдүм.
- Мен дагы, - деп Азиза анын бет маңдайына келди. - Сен мени качандыр бир кезде көрдүң беле, чыныңды айтчы?
- Башым ооруп кетти, сен коноксуң го, бас, тамак даяр болду, - деп Иман аны колдон ала залга киргизди. - Кирип, тынч отур.
- Болуптур, бирок али сөзүм бүтө элек.
- Макул, анан сүйлөшөбүз, - деп босогодо турган экөөнү көргөн Сыйда кубанып алды. "Буйруса бири-бирине төп келишет, улуу болсо болоор, бойдок жүрбөй үйлөнсүн", - деген ойдо аларды көрмөксөн боло аркы бөлмөгө кирип кетти. Иман аны сезди да, сыртка чыкты. Конок каадасы бүтүп, Адылбайлар кетүүгө камынышты.
- Бир-эки күн тура туруңуздар, - деди Иман аларга.
- Ооба-ооба, туруп тургула, ансыз дагы араларыбыз алыстап кетип баратат, - деп Ботобек да алардын кетүүсүнө каршы болду.
- Калгыла эми, жакшылап эс алып, анан кетээрсиңер, - деп Сыйда да кошулуп эшиктин алдындагы сөрүгө тери көлдөлөңдөрдү салып, жаздыктарды кабат-кабат жаздады. - Кана орун алгыла, - деди күлө.
- Болбой калды эми, кала турган болдук, - деди Адылбай аларга ыраазы боло аялына кайрылып. - Кызым, сен шашпайсыңбы? - Азизаны карады.
- Сиздер менен болом го? - Азиза жер карады.
- Эми-и, Иман менен Азиза бой жетишпедиби, тууганбыз, алар дагы жакындан таанышып, эки жакты, сен өскөн айылды көрсүн, - деди Ботобек.
- Мейли-мейли, жаштар эмеспи, бат эле бири-бирине жакындап калышты, - деп Атыркүл колун жайып койду. - Алар эми жаш эмес, бирге басып келсин.
Иман менен Азиза экөө үйдөн чыгып жолду көздөй басышканда Сыйда күйөөсүнө карай ымдап, бирдеме де дегендей болуп, өзү ары басып кетти. Ботобек ойлуу отуруп, анан сөздү алыстан баштады.
- Биздин ата-тегибиз бир, жети атабыздын үчүнчүсүнөн биякка алыстап кеткенбиз, ортодо кыз алышып да калганбыз…
- Ботобек аке, муну менен эмне дегиңиз келет? - Адылбай ага түшүнбөгөндөй карады. Атыркүл аны тыйып койду:
- Эми сөздү уксаң боло, анан деле сурайсың.
- Элебай менен Суранбайдын куда болгонучу?
- Ооба-ооба, анын бизге…
- Сен ошону билбейт экенсиң, алар экөө тең биздин туугандарыбыз эмеспи, эми ортолору абдан жакын болуп, ысытма-жылытманы чогуу ичишип ынтымактуу, бар болгону ушул.
- Туура, туугандар куда болсо балдардын арты менен ого бетер таттуу болуп кетээри чын, - деп ойлонуп калды Адылбай. Ботобек андан ары өткөн жок, ал аны туура көрбөдү, өз үйүнө барып анан кыздын колун сурабаса бул жерден болбосун билип сөздү башкага буруп кетти. Бирок сөз төркүнүн Адылбай менен Атыркүл сезип тургандай унчукпай өз ойлору менен алек болуп калышты. Тереңдеп ойлонуп көрүп, кызы макул болсо каршы болбой турган кейипте болду экөө тең. Атыркүл болсо көзү ачыктын сөзүн эстеп: "Мейли, Иман жакшы бала, кызымды кор кыла койбос, жашоолору деле жакшы экен, бактылуу болушса болду", - деген ойдо кубанып алды. Бул кезде Иман менен Азиза жолдо кетип баратып, алды жагынан үч жолу ак жыланды жолуктурушту. Азиза селт этип да койбогонунан:
- Азиза, сен жыландан коркпойсуңбу? - деди аста карап.
- Эмнеге корком, алар деле биз сыяктуу жандар, сүйлөй албаганы болбосо…
- Жакшы, жан-жаныбарларды сүйөт экенсиң да?
- Ошондой, апам көп айтат, мен кичинемде ушундай аппак жылан жаныма көп келчү экен, ошондон улам мен талмалуу болуп калыптырмын.
- Ыраспы?
- Ооба, жакында эле дагы көрүптүр.
- Чын элеби?
- Ооба, ал мени менен жатып алган имиш.
- Койчу?!
- Ырас айтам, мен корккон деле жокмун, анткени ал менин кан-жанымдан бүткөндөй сезилет, Иман.
- Кызык экен, - Иман ага өзү жөнүндө айткысы келбеди. Катар басып кетип баратышса алардыкына келе жаткан Сейил жолугуп калды. Иман аны таанымаксан болуп өтүп кетээрде Сейил анын жанындагы кызды бир карап алды да, Имандын жолун тосо:
- Кандай, Иман? - деди күлүмсүрөй.
- Аа-а, сенсиңби, Сейил, кайдан жүрөсүң? - Иман көңүлү келбесе дагы жылмая карады. - Таежемдер жатышабы?
- Жатышат, кайда баратасың?
- Биз мындай басып келели деп эле… - деген Иман Азизаны карады. - Таанышып койгула, бул Азиза. - Сейил болсо кабак бүркөй аны жактыра бербеген таризде жооп айтпады, анан Иманга:
- Сени менен сүйлөшө турган сөз бар, - деп ары басты.
- Кулагым сенде. - Иман анын жанына келди.
- Бул ким?
- Сүйгөн кызым.
- Калп айтпа, сенден бир топ улуу го?
- Анын кызыгы жок, мен аны өзүм сүйөм, эгер кааласаң үйгө бара бер, биз айланып келебиз, - деп Азизаны колтуктай басып кеткенде Сейил аларды жалдырап карап туруп калды. Анан жини келе:
- Сүйөт имиш! - деп күбүрөй жолуна түштү. Ал беш-алты кадам узаганда эле алдынан аппак, жоон жылан чыга калып, ышкыра тикесинен тик турганда келин чаңырып, бетин басып отуруп калды. Анын кыйкырганын уккан Иман жетип келди:
- Сага эмне болду?
- Жылан, жылан көрдүм, аябай коркуп кеттим, Иман, - дегенде Азиза өзүнчө жылмайып алды. - Эмнеге күлөсүң, сен жыландан коркпойсуңбу? - деп Сейил жини менен ага бир тийди. Ошентип туруп, Иманды колдон алды. - Мени үйгө жеткирип койчу, коркуп жатам, Иман, - деген бойдон колтуктап алып, алга сүйрөп жөнөдү.
- Мен күтүп турам, жеткирип кой, - деди Азиза.
- Күтпөсөң да болот, бөлөсү конокко келсе кайда бармак эле? - деди ага өчү бардай Сейил.
- Сейил, эмне деп жатасың, ал дагы менин коногум. Ата-энеси үйдө, айылды көрсөтүп келейин дегемин. Сен өзүң бара бер, биз жолдон калбайлы, - деп Иман андан бошонуп, Азизаны колдон ала басып кетти. Ызаланган Сейил шылкыйып келип Имандын үйүнө кирди. Короодон баш багып эле эки машинаны көрдү. Анан сөрүдө отургандарды көрүп, таежесине келип учурашып, отуруп калды.
- Кандай, Кадича жакшы жүрөбү? - деп сурады андан Сыйда.
- Жүрөт, салам айтты.
- Саламат болсун, жөн жай эле келдиңби?
- Ооба, жөн эле, ал-акыбалын билип кел деди апам.
- Ошондой болсун…
- Бөлөң сени жакшы көрөт окшойт, - деди Азиза узап бараткан Сейилди ойлуу тиктеп. - Сени сүйүп калган эмеспи?
- Ал экөөбүзгө сүйүүнү байлап коюптурбу?
- Эмнеге, анын да жүрөгү бар да, жаш, сулуу экен, - деп сырдуу да, сынай дагы көз кырын салды кыз.
- Болсо болгондур, экөөбүздүн апабыз бир тууган да.
- Сен өзү бирөөнү сүйдүң беле?
- Жок, менде жүрөк болбосо кайдан сүйөм?
- Жүрөгүң жокпу? - Күлүп койду. - Азиза деген ат жазылган жүрөктү окуп көрүп турам.
- Кайда экен ал жүрөк?
- Мына бул жерде, - деп Азиза анын сол көкүрөгүн сөөмөйү менен сайгылады. - Көп болуптур…
- Азиза, мен сага таңгалып турам.
- Эмнеге?
- Бул менин гана сырым болууга тийиш эле…
- Жо-ок, экөөбүздүн сырыбыз, сен билгенди мен дагы билем.
- Койсоңчу? - Иман аны таңдана карады. "Бул кайдан билет, мен эч кимге айтпашым керек эле, сөзүмө турдум, а бул эмне деп жатат", - деп ойлуу туруп калганда: "Сен баарын так аткардың, ошондуктан жаныңда мен турамын. Эми ар дайым жаныңда болом, өз убактыңды текке кетирбе", - деп бирөө кулагына шыбырагандай болду. Делдейе Азизаны карап: - Эмне дедиң? - деп жиберип Иман бир кызык болуп кетти.
- Мен эч нерсе деген жокмун.
- Ким сүйлөдү анан?
- Ички дүйнөңдөгү болуп жаткан дүрбөлөң, сен өз оюңду угушуң керек, бизди эми эч ким ажырата албайт, Иман.
- Эчтекеге түшүнбөйм, Азиза, эмне кылышым керек? - Аргасы кете карады. - Бул менин өңүмбү же түшүмбү?
- Өңүң эле, жүрү үйгө кайталы, бүгүнкүгө ушул сүйлөшкөнүбүз жетет.
- Эмнеге, үйгө барганда Сейил башты оорутат.
- Эчтеке эмес, аны оозун ача албай турган кылабыз. - Экөө ээрчише короого киргенде Сейил эмне кылаарын билбей жан дүйнөсү ала салып, жүрөгү өзүнөн-өзү сыздап ооруп, үйдүн артына барып ыйлап жатты. Анан Сыйданын эшикте жүргөнүн көрүп, жанына басып барды:
- Эже, Иман жанагы кызга үйлөнөбү?
- Ким айтты?
- Деги сурай койдум да.
- Билбейм, үйлөн десек болбойт, Азиза жездеңдин тууганынын кызы, ал экөө жөн эле сейилдеп келишти окшойт.
- Аа-а, ошондойбу? - Сейилдин көңүлү жайлана түштү. - Үйлөнүп алганбы деп ойлоптурмун, таеже.
- Жо-ок, айланайын.
- Качан үйлөнөм деп жатат?
- Билбей да калдым, айтканды укпайт.
- Мени карай турган түрү жок, канча убараландым, апам дагы башкадан көрө өз эле деп кубанып калды…
- Эне деген бала үчүн убайым тартып жүрүп карыйт тура, ал дагы сени бактылуу болсун дегени го, багыңар ачылсын, садага. Кадича экөөбүз тең экөөңөр үчүн азап чегип калдык, башка балдарыбыз өз-өзү менен болуп кетти. Имандын алган аялы өлгөндөн кийин эле ушинтип калды.
- Тагдыр экен да, таеже, менин дагы күйөөм өлбөгөндө мен эмгиче бала-чакалуу болуп калмакмын, - деп сүйлөшүп жатканда Иман көрүндү. - Иман, эртең айыл өкмөтүндө концерт болот экен, барып келбейлиби? - деп Сейил аны көздөй басты. - Барасыңбы, ыя?
- Жок, өзүң бара бер!
- Эмнеге? - Таарынычтуу колтуктан алды. - Барып келели да, таеже, айтып койчу? - деп болбой эле аны жеңден тарта силкилдетти. - Макул десең, Иман.
- Барбайм дедим го сага, кандай укпайсың? - деп катуу айтканда гана келин унчукпай калды. Сыйда Сейилди карап башын чайкап койду. Сейил үйгө кирип, сумкасын алып чыкты да, короодон чыгып кетти. Анын коштошпой чыгып кеткенин Сыйда түшүндү:
- Байкушум, ага да кыйын болду, сени жакшы көрүп калса кантсин.
- Жакшы көрбөйт, атайын жасап жатат, кеткени жакшы болду.
- Мейли, өзүң билесиң, балам, көөнүңдөгүнү кыл, бирок менин картайганымды ойлон, келин жумшап, бутумду сунуп отурам деген оюмду орундатасыңбы? - Эне уулун суроолуу карады. - Эртелет, балам, эми жаш эмессиң, сендейлердин балдары чоңоюп калды, - деген Сыйда улутуна өйдө болду. - Ики, кокуй бели-им.
- Шашпа, апа, жакында келиндүү болосуң.
- Ыя? - Сыйда аксаңдай кетип баратып артына карады. - Чын айтып жатасыңбы, балам?
- Чын, - деп койду да, Иман үйгө кирип кетти.
- Оо жараткан, ушунуңа шүгүрчүлүк, уулума бак-таалай бер, - деп кемпир боюн түзөй белин кармап сүйлөнүп жаты. - Бу куураган белим, бутум ооруп калчу болду.
Эки-үч күн туруп, конок болгондон кийин Адылбайлар кетишти. Азиза өзүнүн машинасы менен артынан жүрдү. Иман, Ботобек менен Сыйда үчөө аларды узата карап турушту да, ичкери кирип өз тиргилиги менен алек болуп кетишти. Иман: "Менин Азизам, биз ушинтип жолугушмак экенбиз го, атамдар эми үйлөн десе каршы болбойм", - деп төшөгүнө чалкасынан жатып алып, ойлонуп аткан. Ошол маалда төркү бөлмөнүн босогосунан жоондугу кулачтай болгон ак жылан сойлоп чыгып, сыртка чыкчу босогого жеткенде Иманды бир карап коюп, көздөн кайым болду. "Коштошконуңбу, сага ыраазымын, качан келсең дагы мен сени жакшы тосуп алам, кош бол", - деп койду аны карап калган Иман. Көпкө жатты, Азизанын көздөрү дал түшүндөгү Азизанын көздөрүнө окшош болчу, ал тургай бой мүчөсү дагы өзү эле…
- Иман, бери чыкчы! - деди Ботобек бир кезде.
- Эмне болду, ата?
- Отур, сүйлөшчү сөз бар.
- Кандай сөз?
- Эртең эле Адылбайдын үйүнө барып, кызына куда түшөбүз.
- Эмне…
- Дагы үйлөнбөйм дегени турасыңбы?
- Жок, сурадым да…
- Анда эртең апаң боорсок жасап даярдансын, сен өзүңө кийим ал. Тиги акеңе барып кел, жеңең экөө тең келсин, айтпасак таарынып калат, жалгыз иним болсо кошпосом болбой калат, - деди Ботобек.
- Тагайбек акем үйүндө жок чыгаар…
- Кайда бармак эле?
- Кечээ кийикке барам деп жүргөн.
- Аа-а, барбай калыптыр, сен уктап жатканда келип кеткен.
- Макул анда.
- Ошент, балам, Азиза жакшы келин болот, - деп койду анан. Сырттан акырын тыңшап турган Сыйда кубанып кетти, Иманды дагы болбой койобу деп коркуп турган эле.
- Силер айткандай болсун.
- Азаматсың, балам, - Ботобек да кубанып калды.
Кубанычтан кудуңдаган Сыйда абысыны экөө боорсок жасап, момпосуй-печенийден мол алышты. Эртеси союш союп, бир жылкы, он миң сом акча, кийит-кече кылып, жаңыча болсун деп кызга алтын сөйкө алып келишти. Аларды көргөндө Адылбай менен Атыркүл таңданып, анан кайра жакшы кабыл алып, үйгө киргизишти. Абысыны Шааркан менен Тагайбек да чогуу келишкен. Ботобек жайлангандан кийин сөз баштады.
- Адылбай, биздин кабарлашпай туруп, түп кабынан келип калганыбызды кечир. Бул адам баласынын ортосундагы боло жүрчү нерсе, илгертеден элибизде кенен кулач жайган салт. Тууганбыз эми биротоло сөзгө келишсек андан дагы жакын болуп калабыз, Азизаны биз келин кылып алалы деп келдик.
- Аке…
- Жөнчү, - деп Атыркүл күйөөсүн нукуду. - Болсо эмне экен, кызы барга куда түшүп келет, кызың экөөң канчаны кетирдиңер ансыз дагы.
- Эмне деп жатасың?
- Жөн сөздү ук деп жатам.
- Кана, азыр кызыңды чакыр! - деди Адылбай.
- Мен мындамын, ата, - деп Азиза жылмайып койду.
- Отур, - деп атасы жанына орун көрсөттү. - Кана өзүң уккандырсың, не дейбиз конокторго?
- Сиз макул десеңиз мен ошо…
- Эмне дейт ыя, бу апаң экөөңөр сүйлөшүп алгансыңарбы? - деп Адылбай кызын ормойо караганда Сыйда сүйлөп кирди:
- Алыбай, сен дагы менин даамымды таткансың, бала кезиңде мен жасаган тамакты жакшы көрчү элең. Минтип балдар бой жеткенче катышпадык, эми биз эки бала аркылуу кайрадан бириксек деп отурабыз. Балдар да бири-биринен кайдыгер эмес, силердин бир ооз сөзүңөр керек, жок десең андан аркыны айтпай кете берели.
- Жеңе, ал эмне дегениңер, биз эмес, Азиза өзү чечет. Балдардын бири-бирине көңүлү түз болсо биз кайда барат элек? - деди Атыркүл шашкалактай.
- Эчтеке эмес, балам, - деди Ботобек жай сүйлөп. - Биздин бир кызыбыз бар, Азиза экинчи кызыбыз болсун, келген ишибизди баштайлы. Кана, кызым, эгерде сен каршы болсоң биз ооз ачпай эле койолу.
- Ата, мен Иманга макулмун! - деп Азиза айтканда Адылбай баш көтөрө калып, аялы менен кызын алмак-салмак карады да:
- Мени кечир, Ботобек аке, балдар өздөрү чечсин, - деди. Андан кийин алып келгендерин жайып жатканда Адылбай эки-үч үй ары турган карындашын, инисин чакыртты. Кызга сөйкө салышып, кийинки жумада алып кетмек болушту. Ошол күнү алар калып калышты, түн бир оокумга чейин Иман менен Азиза бирге болушту. Азизанын бөлмөсүндө отурушкан, бир кезде кыз уктап калды. Жигит аны карап туруп, бөлмөдөн чыгып кетти. Бир аздан кийин кайра кирип, татынакай жүзүн көргүсү келди. Акырын дабыш чыгарбай кирип, кызды тигиле тиктейин деп эңкейе берди да, таң калганынан көзүн чоң ачып, оозун басып туруп калды. Азизанын тумшугуна көзүн кадаган ак жылан упузун болуп бойлошо жатып алыптыр. Көзүн көзүнө кадап, куду ага өзүнөн бир нерсе өткөрүп, дубалап жаткан өңдүү бүлк-бүлк этип, алкым тушу былкылдап жатат. Бир топко карап турса да, жылан козголбоду, Азиза дагы эч нерсе болбогондой жеңил дем алып уктап жатат. Акырын басып бөлмөдөн чыгып кетти. "Жети жыл өттү, демек, ал мага өзүн Азиза аркылуу көрсөтүп жаткан тура. Мейли, мен ал өзү келсе деле жыйрылмак эмесмин", - деп ойлоп алып, ордуна келип жатып калды. Эртеси турганда Азиза ого бетер жүзү нурданып, эки бетинин оту кызарып супсулуу көрүндү Иманга.
- Кандай уктадың, Азиза?
- Эң сонун, түшүмдө сени менен жүрүптүрмүн.
- Ыраспы?
- Ырас айтам, көптөн бери түшүмө такай сен киресиң.
- Бул сүйүү…
- Чынбы?
- Эгер андай болбосо түшүңө кирмек эмесмин да, сен мени сүйүп калгансың го?
- А сенчи?
- Менби, жок, сүйбөйм.
- Эмнеге, анда үйлөнүүгө кантип болсун?
- Неге, үйлөнүп жашай беребиз.
- Жок, мен макул эмесмин, эгерде эки адамда бирдей сүйүү сезими болбосо анда жашоо болбойт, мен андайдан корком.
- Эмнеге?
- Сенин дагы мени сүйүшүңдү каалайм.
- Тамашалап койдум, жигит сүйсө алат, кыз сүйсө калат дегенди билесиңби, мен сени сүйгөнүмдөн келип отурам да?
- Чынбы, Иман? - деп Азиза куду секелектей кыздай кубана көздөрү жайнап кетти. - Андай болсо мен сени менен кандай кыйынчылык болсо да жеңип өтүүгө даярмын!
- Ишенем, - деп Иман жылмайып койду. Алар короодо сүйлөшүп турганда Сыйда көрө коюп Атыркүлдү карады:
- Келсең бери, Атыркүл, экөөнүн кандай бактылуу болуп сүйлөшүп турганын кара, жарашып да калат экен.
- Садагаң болоюндар десе, бактылуу болушса эле болду, - деп эки эне сүйүнө карап турушту.
Эртең мененки тамактан кийин Ботобектер жолго чыгышты. Кийинки жумада ата-эне кызын узатууга даярданып калышты. Азиза өзүнө той көйнөк тандап жүргөн, ошол убакта ак жылан анын алдынан чыгып, бир көйнөктүн жанына туруп, аны айланып өтүп, жок болуп кетти. Аны көргөн Азиза жанындагыларды караса эч нерсени байкабагандай улам бир көйнөктү көрсөтүп атышат.
- Мен бул көйнөктү алам, - деди Азиза жылан өтүп кеткен көйнөктү көрсөтүп.
- Жарайт, бул көйнөктү орой сал, - деди сатуучу жардамчысына.
- Мына, - деп көйнөктү коробкага салып бере коюшту. Азиза апасы экөө Бишкектен тойго керектүүсүн алып, кайра өз үйүнө келишти. Бул убакта Ботобектин үй-бүлөсү да келин алуунун камын көрүп, ызы-чуу түшүп даярданып жатышкан. Иман өзүнчө эле бактылуу. Түн бир оокумда кадимкисиндей эле учуп бараткандай болду. Баягы бактын ичи. "Иман, бактылуу бол, эми сенин жаныңда Азизамын, ар дайым жаныңда болом. Эми сен тээтиги жерге ачкычты коюп кой, анын ары жагында сандык турат, ачып керектүүңдү ал, өмүрүңө жетет. Эми биз бир үйдө, бирге жашайбыз, мени көрө албаганыңа капаланба, мен эми алсызмын, болгон күчүмдү, жан дүйнөмдү Азизага бердим", - деди үн. Иман көрсөткөн жерге баратып: "Ачкычты жоготуп албадым бекен?" - деп ойлоп чөнтөгүн караса жүрөт. Кубанып кетти, ала коюп, белгилүү жерге коюп, жаңы гана сандыкты ачканда ойгонуп кетти. Кадимкисиндей ордунда жатыптыр, койнунда бир топ болуп алтын жасалгалар, көздүү шакек-сөйкөлөр, билериктер жатат. Чочуп тура калып аларды карап көрүп, Азизага ылайыктап үч катар мончокту алып коюп, калганын бекем катты. Негизи Имандын буюмдарын эч кимиси карачу эмес. Катып коюп, үй ичинде көпкө басып жүрдү.
Эртеси он чакты адам болуп Адылбайдын үйүндө болушту. Балдарынын баары келишкен. Эшигинин алдында стол жайылып, гүл коюлуп, кооз идиштерге түрлүү даамдар салынган. Коноктор жайланышкандан кийин кызды чакырышты эле, ал чыгып келе жатканда Иман ордунан тура калды. Өзүнө тааныш көйнөктү кийип келаткан Азизаны көрүп: "Мен адамга айланышым үчүн сенин күчүң керек, менден жүзүңдү үйрүбөсөң болду", - деген Азизанын сөзүн эстеди. "Демек айланганың ушу Азизаны мага туш кылган сен экенсиң да", - деп Азизаны колунан аяр кармай атайын даярдалган орунга келип отурушту.
- Кандай гана жарашкан түгөйлөр, бактылуу болгула!
- Бири-бирине арналып төрөлгөндөй…
- Кудай түгөйлөрдүн чандасын гана ушундай бактылуу жаратат тура, көпчүлүк адамдар жашап эле жатышпайбы, аларда мынчалык жарашыктуулук билинбейт дагы, - дешип экөөнө суктанып карап калышканда Сыйда:
- Тү-ү, түү дегиле, балдарыма көз тийет, ботом, көптүн бириндей эле го, эмнеге эле карап калдыңар? - деп калганда күлүп ийишти.
- Коюңуз эми, көз тийбейт, уулуңуз ушундай сулуу кызга үйлөнгөнгө сиз дагы суктанып жаткандырсыз?
- Кудай кошуп өмүрлөрү узун болсун, садагаларым, кудайдын көзү түз болсо пенде эмне кыла алат элек? - деп дасторкон үстүндө тамаша-күлкү менен той башталды. Эртеси эле кыз-күйөөсүн узатты Адылбай менен Атыркүл. Калган тууган-уругу менен чогуу тойдун уландысында бака-шака болуп жатышты. Айрыкча Атыркүл көзү ачык Калипанын айтканын эстеп, ишенип-ишенбей ичинен ойлонуп жатты.
Ботобектин келин алып келгенин уккан туугандары, коңшу-колоңу келип, келин көрүп жатышты. Дасторконун кенен жайып, келгендерди кабыл алып, бапырап жатышкан. Ошол учурда Кадича келини, эки кызы менен Сейил болуп келип калышты. Сейил өтө капа, Азизанын ордунда болбой калганына абдан арман кылганы менен келип көргүсү келген. Үйгө кирип үлпүнчөк менен той кийимин кийип жүгүнүп жаткан Азизаны көрүп, ичи ачышып кетти. "Неге, неге мени карабай койдуң, Иман, мен деле ушул көйнөктү кийип, сенин жаныңда отурсам, моюндашып, кучакташып уктап жатсам болбойт беле?" - деп үйдөн чыгып, көз жашын сыгып алды. Келгендер эки жашка бак-таалай каалап, тилектерин айтып, ак моюндан ичип ырдап жатышты. Имандын бактысында чек жок эле. Сейилдин ыйлап турганын көрүп, жанына Буланбек басып келди.
- Сейил бөлөм, сага эмне болду?
- Эчтеке.
- Сен капа болбо, жакында сен дагы өзүңдүн мырзаңа жолугасың, ошондо көрөсүң, ал сени кандай сүйгөнүн. Андан көрө шаарга барып иште, биздин үйгө жүр, эжеңдерге бар, макулбу, бөлөм?
- Баары бир шаарга кетем го?
- Ошент, сен сөзсүз бактылуу болосуң.
- Билбейм, таежем кайдан да Иманды өзүңө карат, сени келин кылып алам деп койду билбейм. Аны каратуу колумдан келген жок, бирок өзүм сүйүп калып азаптандым, - деп соолуктай араң басылды. - Мен айбан экенмин.
- Жо-ок, сен жакшы кызсың, өкүнбөгөндөй жашоого туш келесиң, жүрү эми үйгө, - деп аны ээрчитип келди Буланбек. Тойлоп жаткандар абдан кызуу, Иман менен Азизаны жанына чакырып алышып, ырдап-чоордоп жатышты.
- Иман, алганың ак куштун өзү, үрдүн кызы Үркөржан экен, өзүң жомоктордо айтылып келген сүйүүнү сыйлаган Тариелдин өзүсүң, Олжобайдын нак эле көзүсүң, - деп жеңеси шакылдай сүйлөдү.
- Рахмат, жеңе, унутуп калган турбайымбы, - деп ички бөлмөгө кирип кайра келди. Колунда кооз мончок менен эки көздүү шакек. - Мен муну сиздердин көзүңөрчө Азизага тагып койойун, - дегенде отургандардын көздөрү тостоюп кетти.
- Аи-ий ай, тим эле укмуш го, мындайды көрбөптүрмүн, - деп Гүлай суктана карады. - Укмуш экен, мынчалык кымбат буюмду кайдан алдың?
- Биз экөөбүз тандап алганбыз, - деди Азиза жылмая.
- Ырас элеби?
- Чын айтам, - деп Азиза кенебей айтканда Иман аны карап эле калды, бирок унчукпады. Мойнуна мончокту тагып, шакекти колуна салды. Аларды көргөндөр суктана карап тим болушту. Эл кеткенден кийин экөө өз бөлмөлөрүнө киришти. Төшөк салган жеңеси акырын чыгып кетти. Иман өзү чечинип Азизанын жанына келди:
- Кана, ханышам, биз эми биргебизби?
- Албетте, биз эми биргебиз, жаным.
- Эмне? - Иман аны далдайа карады.
- Жаным дедим, ошого таңгалдыңбы?
- Ооба-а…
- Мен эми сенин жаныңдамын, сенин мени жээрибеген мээримиң адамдар арасына келип, адамча жашоого мүмкүнчүлүк берди. Бирок, Иман, мен чарчадым жаталычы, - дегенде эч нерсе дей албай: "Эмне дейт бу, ата-энеси чындыкпы мунун, же чын эле сыйкырдуу түш көрүп жатамбы", - деп ойлуу тура берди. Ошол кезде Азиза жаткан жерден токочтой болуп оролуп алган аппак жылан көрүнүп, кайра жок болду. Ошондо гана эсине келгендей Азизанын жанына жатып, кучактап-өөп, жарыкты өчүрдү. Эртең менен жеңелери илгертен келе жаткан салтты тутуп, уул-келиндин төшөгүн карашып, сүйүнчү алышты. Кээси: "Отуз бешке чыккыча кыз бойдон жүрө берди дейсиңби?" - дешип күдүктөнүп турган. Кубанып калышты. Ата-энесине эртең мененки учурашуусун өтөп бүткөндөн кийин чогуу тамакка отурушту. Азиза ийиле чай куюп отурду.
- Кудай кошконуңдан айрыбасын, садага. - Сыйда алкап жатты.
- Бактылуу болгула, балдарым.
- Рахмат, ата, рахмат, апа. - Азиза жылмая ийилип койду.
- Садага кетейин, сен өзүбүздүн эле кызсың, иймене бербе, өзүңдү эркин сез, кызым.
- Макул, апа.
- Ошент, айланайын, түпкү аталарыбыз бир, - деп Ботобек да коштоду. - Биз сага ата-энеңден айрымабыз жок, балам.
- Билем, ата.
- Кармашкан колуңар ажырабасын ылайым, - деп экөө тең алкап отуруп, өз жумуштары менен чыгып кеткенден кийин Иман экөө эле калды.
- Азиза, - деди Иман ошондо.
- Эмне болду?
- Сен эмнеге калп айттың?
- Кандай калп, качан?
- Мончокторду экөөбүз алганбыз деп.
- Аа-а, мен сени менен чогуу эмес белем?
- Койчу?
- Койбой эле, сен алып жатканда мен тандаганмын.
- Кызык, мен көргөндү сен да көрдүң беле?
- Сен мени көргөн жок белең?
- Жо-ок, Азиза, мен кызык жашоодо жашап жатам.
- Экөөбүз тең, андан көрө калгандарды аздап өткөрүп, акча кылам деп ойлобо. Анын азыраагын көзү түшкөндөрдүн эки-үчөөнө белекке беребиз да, апама эң кымбатын тартуулайлы.
- Эмнеге сатканга болбойбу?
- Жок, сатууга болбойт.
- Болуптур. - Иман улутунуп алды. - Бул дүйнөдө жашап жатканыма дагы ишене албай калдым, дос-жоро күтө албадым, башка дүйнөдө жашап жаткандаймын.
- Мен сенден артык эмесмин, түшүнбөгөн окуяларга туш боло берем, бирок баарын мурда көргөндөймүн. - Экөө ошентип отурганда Айдин аялы экөө, дагы эки классташы аялдары менен келишти.
- Оо, Иман, куш боо бек болсун!
- Үйлөнгөнүңдү куттуктайбыз!
- Рахмат, төргө өтүңүздөр, - деди Азиза аларга.
- Адегенде таанышып алалы, менин атым Айдин, бул менин аялым Шарипа.
- А менин атым Жамалбек, аялымдын аты Айнур, - деди дагы бири. - Баарыбыз бир класста окуганбыз.
- Жакшы, менин атым Азиза.
- Ой укмуш, Иман, ушундай сулуу кызды издеп, бойдок жүргөн экенсиң да?
- Силер тим тургула, биз дагы өзүбүздү таанытып койсок болоор, мен дагы Имандын классташымын, атым Сейит, аялымдын аты Болдукан, - деп Сейит аларды күлдүрө сүйлөдү. - Иман окуп жүргөндө жакшы бала болчу, кийин биз менен катышпай да калды. Аяшыбызды көрүп келели деп эле келип калдык, чынында Азиза сен үчүн келдик.
- Мейли, отургула, балдар, келгениңер жакшы болду, кана эмесе дасторконго карагыла, - деп Иман дагы күлдү. Алар сый конок болуп көпкө отуруп кайтышты, кетип жатып:
- Эми сен бизге келбесең таарынабыз да, Азиза менен гана катышабыз. Сени чийип салабыз, - деди Айдин. - Сен али жашсың, биздин болсо балдарыбыз чоңоюп калды, эгер барсаң сени шылдыңдашат.
- Ошону айт, биз келин алганда Имандын баласы зорго сүннөт тойго жарайт экен.
- Чын эле, сен келин алганда мен кыз берип калам, буйруса, - дешип тамаша-чынын аралаштыра сүйлөп жатып узашты. Азиза алар менен жылуу коштошуп кала берди. Иман бир топ жерге чейин узатып барды.
- Рахмат, келип кеткениңерге ыраазымын, мындан ары катышып турабыз, балдарыңарды менин атымдан өөп койгула.
- Болду-болду, тек карт бойдок болуп жүрө бербей үйлөнгөнүң жакшы болду, макул, жакшы тургула, - дешип жөнөп кетишти. Иман ойлуу үйүнө келди. Азиза ал кирээри менен мойнуна асылды.
- Алтыным менин, сени аябай сүйөм, Иман.
- Мен дагы сүйөм, Азиза. - Экөө өбүшүп, анан бири-бирин бошото ата-энеси кирип келеби деп тартынып калышты. - Азизам менин, бактым…
- Сен дагы менин бактымсың, Иман. - Ошол кезде жаштарды уялтып албайлы деген Сыйда тамагын кыра жөтөлүмүш болуп кирди.
- Ыя, Азиза, эс алсаңчы, кызым, түйшүк жерге кирсин, дегеле аялдан түйшүк качпайт, акыры казандын төрт кулагы колуңда, кызым. Эртең экөөңөр бир жакка барып келсеңерчи. Үйдүн жумушу менен өзүм деле алектенем.
- Апа-а, ырас эле ойноп келебизби? - Азиза кубанып кетти.
- Астыңарда унаалар турат, бир аз күн ойноп келбей эмне…
- Макул, апа, бирок унаа менен эмес, жөө басып, тоо жакка эле барып келебиз, - деди Иман. - Азизанын машинасы менен жүрсөк уят го?
- Эмнеге, Иман, сеники-меники болбош керек, эми кандай буюм болсо дагы экөөбүздүкү гана болот. - Азиза таарына кетти.
- Ошо дагы болчубу, уулум, болду андай сөздү айтпай жүр, сен өзүң алып алсаң ким кой деди? - Сыйда уулун ормойо карады.
- Мен кызыкпайм, апа, биз жөө басабыз, тоо-талаалардын кандай кооз экенин көргөзүп келем Азизага, - деп Иман апасын тынчтандырды.
- Болуптур, мен силерге тамак-аш дайындап койойун, кечке чейин ачка болосуңар, жай жүрүп сейилдеп келгиле, - деп Сыйда ашканадагы эттен кесип келип, тамак жасай баштаганда Азиза ага жардам берип жатты. Иман аялы менен апасын карап, күлүмсүрөй эшикке чыкты. "Ээх, кандай бакыт, кандай жыргал, сүйгөнүңдүн маңдайында турганы. Кокусунан сууп калбасын жүрөктөр, толо ырыскым төгүлбөсүн бир дагы. Азизаны мен сүйүп турам саат сайын, мүнөт сайын жаныман эч жылдырбайм", - деп ойлонуп алды. Кулачын кере керилип, кубанычтуу асманды карады, күн ылдыйлап бата турган кез келип, кыпкызыл нурлары туш тарапка чачырап, абдан кооз болуп турган экен. Азыр Иманга айлана кооз, жашоо таттуу, өмүр кымбат сезилип турду. Жадагалса күндө ажылдап үрө бергенде жини келип, жаман көрчү шалпаң кулак ити да көзүнө жакшы көрүнүп кетти. "Мен мурда жашоого кызыгып көрбөптүрмүн, көрсө өзү бактылуу болгондо гана өмүрдүн кызыгын сезет тура адам", - деп ойлонуп турганда атасы жанына келди.
- Иман, эртең тиги Садыбакастын баласы той берет экен, сени келсин деп киши жибериптир.
- Ата, баралбайм го?
- Ийи?
- Эртең биз бир жакка бармакпыз.
- Ким менен?
- Азиза экөөбүз.
- Өзүң бил, балам, Садыбакастар таарынып калбагай эле…
- Кеңешип көрөйүнчү.
- Байкап көр, - деп койду Ботобек. Экөө ээрчише үйгө киришти, келини менен кайнене экөө биригип тамак жасап коюшкан. Ортого келген тамакты даамдап көргөн Ботобек уулун, анан аялын карады.
- Бул тамакты Азиза жасады, силерге жактыбы? - деп сурады анысын сезген Сыйда.
- Абдан даамдуу болуптур, сен ашканадан чыгып калыпсың, эми биз сенин тамагыңды ичпейбиз, айла жок ичип жүргөнбүз, - деди Ботобек күлүп.
- Силерди шашпа, менин тамагым жакпай калдыбы, ыя? - деп ыраазы боло күлдү да: - Азиза, сен дагы жасап бербе, өздөрү жасасын, - деди.
- Кызым, сен биз тараптасың ээ, бизди ачка калтырбайт, - деп Ботобек ого бетер чычалатмак болду эле, Иман ортого түшө калды:
- Апама отпускага чыгууга туура келет, ошондуктан эс алсын, Азиза эми өзү ашкананы толугу менен өткөрүп алышы керек.
- Мен өзүмө алууга макулмун!
- Ай балдарым ай, бир аз апаңды чычалатсак болмок, ыйлап чыга качат эле…
- Ооба, эми мени үйдөн качып чыгат деп турасыңбы, өзүң ашканачыны таап ал деп сени чыгармакмын.
- Болду койдум, кемпир, мен жеңилдим, - деп Ботобек корсулдап күлүп жатты.
Эң кенжеси да үйлөнүп, өз ордун тапканга ата-эненин көңүлү жайланып калган. Экөөнүн ынтымагы анан калса башкача эле, бири-бирин эшикке чыгып келгенчекти сагынышып кетет. Аны байкаган Сыйда: "Тобо-о, Суусарканды минтип жакшы көрчү эмес эле, ушундай дагы болот экен да. Сейилди болсо карап койгон жок, туура алар мынчалык сулуу эмес болчу. Балаң кургур өңү-түсүнө караганын кара, болбосо эмдигиче очор-бачар болуп калмак", - деп ойлонуп алды. Убакыт өткөн сайын Азиза аппак болуп балкайып толуп баратты. Атыркүл кабатырланып тез-тез кабар алып турат. Келген сайын аруусу кармабай калганга ичинен сүйүнүп кетет. Иман атасынын айтканын ойлонуп калды. Садыбакас деген айылдын кадырлуу адамы, учурунда парторг, экономист болуп иштеп жүргөн. Ошондуктан ал чакырганда барбай койсо баалангандай болоорун сезип тойго бармай болду.
- Азиза, жаным, мени бир кадырлуу адам тойго чакырып жатат, барбай койсом болчудай эмес, сынып калгыдай.
- Албетте, андай адам чакырып жатканда барбасаң болбойт, менин сүйүктүү мырзам, - деп жалжылдай мойнуна колун ороду. Иман анын колдорун кармаганда жуп-жумшак, анан негедир колго териси кургактай сезилди. Башын көтөрүп караса бир башкача түктөйүп турган экен. "Менин ардактуу Азизам, биз уза-ак жашайбыз, балдарыбыз көп болот. Сен мага татынакай уул-кыздарды төрөп бересиң", - деп ойлоп бооруна бекем кысып алып, өпкүлөп жатты.
- Иман, ушул айылдын тоолорунда үңкүрлүү зоо барбы? - деп сурады Азиза капысынан.
- Кайдан уктуң?
- Көргөмүн, ооба, түшүмдө көргөмүн.
- Чынбы?
- Ооба, түшүмдө көргөм.
- Кызык экен, - деди ойлуу Иман, ал дагы эле өзүндөгү болуп жаткан окуя жөнүндө эч кимге айткысы келчү эмес. - Ал үңкүрдө эч бир адамдын буту баспаган.
- Ошондойбу?
- Ооба.
- Анда байлык бар имиш.
- Айта берет, жомокко ишенгендер жаңылышат.
- Сен ал үңкүрдү көрдүң беле?
- Ооба, түбүнө чейин баргам, чыгууга мүмкүн эмес.
- Демек, байлыкты алууга мүмкүн эмес экен да?
- Ооба, геологдор эле таппаса башкалар ага жете албайт.
- Ии-ий, - деген бойдон Азиза уйкуга кетти, Иман ойлонуп жата берди. Качан уктап кеткенин билбейт, баягы зооканын түбүндө туруптур. Өйдө карап бирөөнү күтүп жаткандай туюлду өзүнө, улам үңкүрдүн оозун карап, бир кезде: "Рина-ат, Кумар, Талга-ат! - деп үнүнүн барынча бакырганда зоока жаңырып, анын үнүн кайталап жатты. Ошол учурда капкара болгон караан көрүнүп, "Сен эмнеге бакырасың, кет жолуңа түш, алар эч жакка барбайт", - деп өктөм үн салды. "Мен аларды көргүм келет, жиберип койчу", - дегенде, "Сен, бала, биякка азыр келе албайсың, андан көрө тигил Казыбайдын уулу Кененбайды жөнөт. Ал келиш керек эле, кечигип жатат, бар колуктуң күтүп калат!", - деп көздөн кайым болду. Чочуп ойгонсо Азиза аны бекем кучактап алыптыр, жүрөгү лакылдап, оозу кургап калган экен. Акырын Азизанын колун алып коюп, сырткы бөлмөгө чыгып, суу ууртады. "Кененбайды оору деп жатышты эле", - деп ойлоп аялын ойготуп албайын деп аярлап кайра жатты. Кененбай алтымыштардагы киши, бала-чакасы көп, орто чарбалуу. Уул-кыздары үйлөнүп жайланып кетип, неберелери менен турушат, неберелеринин алды он бештен өтүп калды. "Демек ал кишинин дагы күнү бүткөн экен да", - деп ойго батып жатып, кайра уктап кетти. Катуу уктаган экен, Азиза аны аймалап, кытыгылап жибергенде ушул саам өзүн баягы аппак жылан менен алышып жаткандай сезип ойгоно албай кыйналды.
- Иман, Иман дейм, тур эми, түш болуп калды, - деп Азиза дагы анын мойнунан өөп, чачтары жүзүн жаба бергенде көзүн ачып, аны эми көрүп жаткандай карап алды. Анан дароо эсине келе келинчегин басып жыгылды:
- Сен мени чочутуп жибердиң, эмнеге ойготосуң ыя, кана дагы ошентесиңби, эгерде мындан кийин ушинте турган болсоң…
- Эмне кыласың, дагы ошентем эле.
- Анда сени минтип туруп, көчөгө таштайм, - деп көтөрүп алып босогого келди. - Ушуну каалайсыңбы?
- Ооба, көтөрүп жолго алып чык. - Азиза аны мойнунан бекем кучактап алган. - Кана көчөгө таштайсыңбы?
- Койо бер, колуңду чыгар.
- Чыгарбайм, - Азиза ого бетер бекем кучактап алды. - Бол сенин көтөргөнүң жагып жатат.
- Сен эмнеге жеңилсиң? - Азизаны жерге койо суроо берди.
- Эмнеге, салмагым аз бекен?
- Ооба, абдан жеңил экенсиң, - деген Иман: "Денесинде сөөк жоктой, бул нагыз ак жыландын өзү. Кайдан дагы Адылбай акелерге туш болду десең, балким чын эле алардын кызы чыгаар?" - деп ойлонуп калганда Азиза анын оюн бузуп жиберди.
- Коркпо-о, мен жылан эмесмин.
- Коркконум жок, таңгалып турам, көрүнүшүң салмактуу эле болчудай, жок дегенде элүү килден өтөсүң, көтөрсөм он кил чыкпагандай жепжеңилсиң.
- Менин жүрөгүмдө бар эмеспи, апамдар арууладың дешет, жүрөгүмдө кесел бар, ошондуктан жел болуп толуп баратам.
- Болушу мүмкүн, жүрү эми, атамдар эбак туруп алып, күтүп жаткандыр, - деп экөө ээрчише сырткы бөлмөгө чыгышты.
Буланбек Сейилди атайын өзүнүн үйүнө чакырып алды. Жумушка киргизип койду. Бир топко Иманды ойлоп кыжаалат болуп жүрүп, жумушка алаксып кетти. Күндө жумушуна барат, кайра келет, кээде өзүнүн эжесине кетет. Бир жумадай аякта болуп, кайра келет. Гүлайга үйдө болгондо жардам берет, шыпылдап өтө жеңил, өзү билип жасай койот. Булан ага жакшы мамиле кылып, тамашалай кетчү болду:
- Ээ, бөлө, өзүңдүн мырзаңа кезикчүдөйсүңбү?
- Жо-ок, дегеле бирөөнө жакпадым го, Кылыч менин бактымды биротоло ала кеткен окшойт, бир жигит сөз айтаар эмес.
- Шашпа, - деди Гүлай жылмая. - Бир күнү жолугасың.
- Билбейм, жолугабы, жокпу, бирок үмүт үзө элекмин, жолугам деп ойлойм.
- Капаланба, сен дагы бир күнү бактылуу болосуң, - деп Буланбек жумушуна жөнөдү. Гүлай менен Сейил андан кийин бирге чыгышты. Гүлай аны жумушуна таштап коюп, андан ары карай кетти. Сейил алардын жашоосуна кызыгып да, суктанып да алат, күйөөсү экөө өз-өз машинасы менен кетет. Улуу баласынын дагы унаасы бар, кызы андан кичүү, жаңы мектепти бүтүп окууга тапшырган, ага он сегизге толгонун куттуктап, кыпкызыл машина алып беришкен. Бир уул, бир кызы эле бар. Күндүзгүсүн үйдө эч кимиси болбойт. Даниел үйгө кээ-кээде гана келбесе шаардын четиндеги таятасыныкында болот, анткени кичине кезинен алар бакканга ошол жакка көнүп калган. Сезим болсо кеч келет, эрте кетет, ата-энесинин аны менен иши да жок. Күнгө жекшемби болчу, Сейил кийимдерин жыйнап кеткени жаткан, Буланбек аны жеткирип коймок болду.
- Булан, мен жеткирет элем, кир жууп алайын, сен эле алпарып кел, - деди Гүлай.
- Менин башка жумушум бар эле, мейли жеткирип коюп, андан ары кетейин, - деп макул болду Булан. Сезим Сейилди таптакыр жактырчу эмес, ошондуктан ага айтышкан жок. Алар чыгып кеткенден кийин:
- Ушунуңар жакпайт, мама, бул эмнеге биерде жүрөт? - деди Сезим.
- Кой, антип айтпа, чоң энеңдин сиңдиси да, таарынтып алба.
- Таарынса таарына берсин, ушинтип жүрүп эриңди тартып алса кантесиң? - деди Гүлайдын маңдайына келип. - Көзү эле жаман, ойноктоп.
- Мындай сөздү мага айтууга кантип батындың, уят эмеспи, атаң укса эмне дейт? - Гүлай кызын урушкан болду.
- Апа-а, элдин баары сендей эмес, Иман акем муну ошол үчүн сүйгөн жок да, мындан ары келбесинчи үйгө, - деп Сезим бөлмөсүн көздөй басты.
- Сен али жашсың, андай сөздү сүйлөбөй жүр! - деп кала берди Гүлай, эч жамандык оюна да келбеди. Булан экөө бири-бирин сүйүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан, жыйырма жыл чогуу жашап, көңүлдөрү калбаган. Ошондуктан Буландан башка нерсе күтпөдү, өзүнө болгон сүйүүсүнөн кайтпайт, башкага алмаштырбайт деди…
Бул кезде Буланбек Сейилди жанына салып келе жаткан, улам аны көз кыйыгы менен карап койот. Узун бойлуу, өңдүү-түстүү жаш келин, бой мүчөсү жарашыктуу, кийингенди да билет, кыска юбкадан көрүнүп турган тизесине кызыгып алды Булан. Аны караса эч нерсе сезбегендей мелтиреп, жолду карап келатат.
- Сейил, - деди ага бурулган Булан.
- Ийи.
- Жолдон бир жерге кайрылып, чай ичип албайлыбы?
- Эмне кереги бар, мен үйгө жетемин, эжем күтүп жатат.
- Ошентсе да, бөлөмдү бир сыйлайын дегем.
- Жумушуңуздан кечигип калбайсызбы?
- Жумуш тура тураар…
- Буланбек аке, сиз экөөбүздү тааныштар көрүп калса эмне болот?
- Эмне, биз бир тууган бөлөбүз го?
- Туура дечи, Гүлай жеңем укса жаман ойлоп калабы?
- Антпейт, мен аны билем, жаман ойлой турган аял эмес Гүлай. Кой мына бу жерде бир жакшы кафе бар, ошого кирели.
- Өзүңүз билиңиз.
- Жарайт анда, жакшылап бир отуралы ээ? - деп көзүн кыса күлүп коюп, унаасын жол боюна токтотту. - Кана, бөлөм, түштүк.
- Түштүк, - деди Сейил дагы күлө. Экөө ээрчише кафеге киргенде эл көп экен, алар четтеги бош орунга отуруп, тамак заказ кылышты. Булан улам Сейилди карап койот. Аңгыча алдыларына тамак, чай менен бирге бир бөтөлкө шарап келди.
- Оой, муну эмне кыласыз?
- Ичебиз.
- Мен ичпейм, ичип барсам эжем өлтүрөт, ансыз дагы үйдө бол деп менден коркуп жатат.
- Эмнеге коркот?
- Бузулуп кетесиң дейт.
- Ой кокуй оо-ой, эскинин калдыгы да.
- Ооба, ошондой деп урушат…
- А сен аякка да барба, биздикине да барбай батир жалдап ал.
- Кайдан, батирге айлыгым жетпейт.
- Мен карап турам.
- Чынбы?
- Чын, бир бөлөмдүн эркин жашоосуна шарт түзүп бере алам, - деп сырдуу жылмайган бойдон ага тигилди.
- Гүлай жеңем билип калсачы?
- Билгизбейбиз.
- Макул, - деп күлмүңдөй карап, шараптан кылк эттире жутту Сейил.
- Бүгүн бир жерге баралы.
- Макул, сиз кааласаңыз, - деди Сейил дароо эле.
- Кечке чейин бирге болуп, анан кечинде сени бир жерге жайгаштырам, - деп экөө тамактангандан кийин менчик мейманканалардын бирине барышты. Булан бөлөсүнө көптөн бери көз салып жүргөн, минтип ал дароо эле макул боло койгонуна кубанды. Бир топ жаш, сулуу бөлөсү менен ойноп-күлүп, анын дагы көңүлүн көтөргүсү келди. Кийин-кийин таптакыр чыгалбай үй-бүлөсү бузулуп, эки ортодо калаарын сезген жок. Мейманканадан орун алып, ээси менен сүйлөшүп, бир айлык акысын төлөп койду. Кечке маал үйүнө кетээрде:
- Сиз кетесизби? - деди Сейил кылгыра карап.
- Кетишим керек, сени сураса эмне дейм?
- Жеткирип койдум дейсиз да.
- Сергил бөлөм сурап калсачы?
- Чын эле, жолдон түшүрүп койгомун деңиз.
- Ошентейин, башка сени билбейм.
- Сүйлөштүк. - Келин Буландын мойнуна асылып, эки бетинен өөп алды. - Келип турасызбы?
- Сөзсүз, бир айдан кийин дагы ойлонушабыз, ишиңден калба, -деп жөнөй берди.
- Мен тилегиме жеттим, менден кете албай турган кылам. Бөлөк эмес, өз бөлөмдөн эч ким шек санабайт, - деп өзүнчө ойлуу диванга отуруп калды Сейил.
Буланбек үйүнө кеч келди, Гүлай менен Сезим тамактанып отурушкан. Сезим атасын бир карап, апасын бир карап, кашыгын тамагына сала ойлуу. Негедир бирдемени билгендей, сырдуу жылмайып алды. Анын бул түрүн көргөн Гүлай:
- Эмнеге кеч келдиң? - деди күйөөсүнө.
- Жумуш кеч бүттү, - деди Булан көзүн ала кача.
- Сейилди жеткирдиңби?
- Жолдон эле калып калды.
- Эмнеге?
- Кайдан билем, барган чыгаар, шашсаңыз бара бериңиз дегенинен кете бердим, барбай кайда бармак эле?
- Эжеси аны эмнеге чакырды экен?
- Билбейм, бир тууганы эмеспи, жанымда болсун дегендир.
- Ошондой го, өздөрү билсин, - деп койду Гүлай. Ал андан ары күйөөсүнөн күмөн санагысы да келбеди, бизнеси менен алектенип, колу тийбесин билгендиктен, үндөбөй өз иши менен алектене берди. Сезим эбак бөлмөсүнө кирип кеткен. Буланбек уктоочу бөлмөсүнө кирип, ойлонуп жатты: "Мен туура эмес иш жасадым окшойт, Сейил жаш, андан көрө ага күйөө болчу жигит таап тааныштырсам болмок. Үй-бүлөмө арамдык кылдым, аялымдын көзүнө чөп салдым. Кызык, эмнеге Сейил дароо макул болду, неге каршылык көрсөткөн жок, ал өзү күтүп жүргөн болбосун? Менде көңүлү бар болсо керек, анан эмнеге Иманды сүйөм деп ыйлап жүрдү, балким анда сүйүү сезими жок эле эптеп жашап калайын деп ойлогондур", - деген менен суроолоруна жооп таба албады. Тээ бир кезде жанына Гүлай келип жатты, артынан колун артып кучактап уктап кетти. Эртең менен эрте тамактанган соң бири-биринин артынан жумушка кетишти. Буланбек түштөнүүгө чыгып баратканда телефону чырылдап калды, ала койсо Гүлай экен.
- Булан, түштөнүүгө келесиңби?
- Жок, жумуш көп, эч жакка бара албайт окшойм.
- Аа-а, мейли, мен өзүм тамактана берейин, - деди да, машинасын айдап, жакын арадагы кафеге келди. Кээде ал түштөнүүгө чыгат, ооруканада улуу медсестра болуп иштейт. Көпчүлүгү иштешкендери менен түштөнчү, ал өзүнө көз салып жүргөн оорукананын бухгалтери менен бирге түштөндү. Бектур абдан жакшы жигит, аялы өлүп калган, бир кыз, эки уулу бар.
- Гүлай, мен сени менен дүйнөнү түрө кыдырганга даярмын, кел экөөбүз качып кетебиз, - деди колунан аяр кармалап.
- Үй-бүлөм бар, балдарым чоңоюп калган, күйөөмдү сүйөм. Мени унутуп, бактыңды башкадан изде, биз бирге боло албайбыз.
- Гүлай, мен сенден башканы жактырбаймын, мага сен гана керексиң.
- Жок, Бектур, менин сүйүп тийген жарым, сүйүктүү балдарым бар.
- Ойлон, жаным, мен сенсиз жашай албастай сезем өзүмдү, сенден жакшы жооп укмайын жаным жай албайт. - Экөө көпкө ары тартышып, бери тартышып жатып, анан сааттарын карап алып, жумушка ашыгып жөнөштү. Гүлай кабинетинде отуруп: "Неге үй-бүлөлүү аялдын тагдыры ушундай кезге тушугат? Бектур абдан жакшы жигит, Сейилди бир күнү чакырып тааныштырып койсомчу, анын да күйөөсү жок, жашап кетишээр", - деген ой башына келгенде кубанып кетти. Кечинде үйүнө келсе Буланбек али келе элек экен. Жайдын узак, жели жок үп күндөрү. Жетилерде келип алып, күтүп жатты, Буланбек келсе Сейилдин иштеген жеринин телефонун сурайын деп жаткан.
Аңгыча күүгүм талаш Буланбек шып эте кирип келди. Үйдө эч ким жок, экөө эле. Жаңы гана кечки тамакты ичип бүтүп тураарда телефон шыңгыраганынан Гүлай жетип ала койду.
- Алло, ким экен бул? Аа-а, ал кечээ эле кеткен, барган жокпу? Анда ал кайда барышы мүмкүн? Макул-макул, - деп трубканы коюп, Буланбекти карады.
- Ким экен?
- Сергил бөлөң, Сейилди сурайт.
- Ал барбаптырбы?
- Жок.
- Кызык, эртең жумушуна телефон чалып билейинчи.
- Баса, анын телефонун мага берчи.
- Эмне кыласың? - Булан чочуй сурады, Гүлай анысын байкаган жок.
- Мага керек, бир жигит менен тааныштырайын дедим эле.
- Макул. - Буланбек эс ала түшүп, жазып бере салды, бирок ичинен кимдир бирөөдөн кызгангандай жаны жай албай кыжаалат болуп турду.
- Булан.
- Оов.
- Сейилди бир жакшы жигитке тааныштырып койойун, үй-жайы да бар, аялы өлүп калган, эки жылдан бери бизде бухгалтер болуп иштейт.
- Тааныштырып көр.
- Каршы болбос бекен?
- Ким билет, сүйлөшүп көр, анда үйгө эмне барбаганын, кайда экенин сен эле билип кой, мен алагды болбоюн.
- Макул, сурайм го.
- Ошент, алтыным, Сезим келген жокпу?
- Таятасыныкына кетти.
- Же көп балдарыбыз болбосо, эмнеге алар аякка качышат ыя, үйдө баласыздай ар дайым экөөбүз калабыз.
- Көнүп калышкан да, экөөбүз окуйбуз деп аларга бактырганбыз, туурабы?
- Ооба дечи, эми үйдө болсо болбойбу?
- Булан, атамдардын эркек уулу жок экенин билесиң, Даниелди өз баласындай көрөт. Эми аларды өз жайына кой, экөөбүздүн жалгыз калганыбыз жакшы эмеспи, же туура эмес түшүндүрүп жатамбы?
- Аның чын дечи, балдар жок үй ээнсиреп калат экен, алтыным, - деп Булан аялын кучактап өөп койду. - Кой жаталы, чарчадым аябай.
- Жаттык анда, - деп уктоочу бөлмөгө кирип, кымбат баалуу алды ачык кийип жатчу көйнөгүн кийип, спальныйга жатып калды.
- Сен аябай ачылып алгансың го?
- Анткени ээн-эркинбиз.
- Туура, - деп Булан көңүлсүз жатып, аялын сыйпалаган болду. Сейилдин кылыгы, кыял-жоругу, акышы, эсин эки кылган жаракөрдүгү көз алдынан кетпей аялынын көңүлүн жубата жатып калды. Гүлай анда да көңүлүнө эчтекени албады, чарчаган экен деп жатып уйкуга кирди. Эртеси Сейил жумушта болчу, телефонго чакырып атат дегенинен барды.
- Алло, ким бул? Аа-а, Гүлай жеңе кандайсыз, кыздар менен батирге чыгып алдым, жумушума жакын, эжеме өзүм чалып түшүндүрүп койом, сизби, качан? Макул, жолукканча, - деген Сейил: "Демек менден күмөн санап калган экен, билсе биле койсун, ачык айтып койом, мен дагы өз бактым үчүн күрөшүүгө акым бар", - деген чечимге келип, жумушу бүтөөрү менен Гүлай айткан жерге келди. Гүлай келгенден мурунураак келип отургучта отурган.
- Аа-а, Сейил, келип калдыңбы? - Гүлай аны менен өбүшө учурашты. - Иштериң кандай?
- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?
- Баары ойдогудай. - Гүлай анын жанына отурду. - Сейил, мен сени менен кеңешейин дедим эле…
- Эмнени, жеңе?
- Бир жигит менен таанышып көрбөйсүңбү?
- Кандай жигит экен?
- Бизде бухгалтер болуп иштейт, өзү бойдок, кыз-келин таап бергиле деди эле. Мен сени ойлодум, балким жактырып калаарсың, үй-жайы бар.
- Гүлай жеңе, мен башка жигит таап алгамын, - деди Сейил жай гана. - Сиз капа болбоңуз ээ?
- Өзүң бил, сен мага капа болбо, балким тил табышып, бактылуу жашап кетеби дегем.
- Эчтеке эмес, жеңе, бирөө менен сүйлөшөйүн эми, багыма келгенин көрөөрмүн, анда мен барайын, жеңе, - Сейил ордунан турду. - Жакшы калыңыз.
- Жакшы бар, Сергил менен сүйлөшүп жообуңду айтып кой.
- Макул.
- Бара гой, - деген Гүлай туруп өз жолуна түштү. "Таап алгамын дейби, кандай немени тапты экен, балким жөн эле ушинткендир, бая күнү эле эч кимим жок дебеди беле", - деген ойдо илкий үйүнө жөнөдү. Сейил кетип баратып өзүнчө: "Эмнеге мага күйөө тапты экен, же Булан экөөбүздүн бир сырыбызды байкап сынап жатабы? Мен эми башка менен эмес, сенин күйөөң менен гана роман боло алам, өмүрүмдүн акырына чейин өз бактым үчүн күрөшөм, Иманды көрүп турууга дагы болот", - деп мейманканага келди. Буланбек жумушунан чыгып келип, эки-үч сааттай Сейил менен болуп, анан үйүнө келет. Баштагыдай Гүлайга көңүл бурбай калды. Анысын байкаган менен Гүлай ишине байланыштырып, үн дебеди. Арадан эки ай өттү, мейманканадан кабат үйлөрдөгү бир бөлмөлүү батирге көчүрүп келди. Гүлай менен Буландын ортолору алыстагандан алыстап баратты. Ошол арада жыйырмага чыккан уулу Даниел үйлөнөм деп калды. Буланбек ага каршы болду:
- Адегенде окууңду бүт, андан кийин деле үйлөнөсүң.
- Үйлөнтпөсөңөр өзүм үйлөнөм!
- Эмне деп жатасың, өзүңдү-өзүң биле турган болсоң бар, барып үйлөнө бер!
- Булан, ал эмне дегениң, үйлөнсө сүйлөшөлү, кызды үйгө чакырып көрөлү, ата-энесин билели, - деди Гүлай.
- Болуптур, эртең түшкүгө чакырып кел, - деди Буланбек акыры. - Кандай үй-бүлөдөн экен көрөлү.
- Ата, өзүң эле жетишкен үй-бүлөдөн белең, эмгектенип иштеп ушул абалга келдиңер го, биз дагы иштеп табабыз, - деди Даниел.
- Ой, бала, атаңа мындай сөз айтууга кантип дитиң барды?
- Чындыкты айттым, биз бири-бирибизди сүйөбүз, ата.
- Макул-макул, эртең көрөлү анан байкайбыз, азыр менин жумушум бар, шериктеш компаниялардан киши келмек, барып келе калайын, - деп чыгып кетти.
- Уулум, атаңдын айтканына капаланба, мен эртең даярдык көрүп, силерди күтөм, азыр эс ал.
- Макул, апа, эгер атам макул болбосо таятамдарга алып кетем, - деп Даниел өз бөлмөсүнө кирип кетти.
- Ай кудай ай, эмитен үйлөнүп эмне кылат, мейли эми, өзү билсинчи, - Гүлай сарсанаа болуп кала берди. Буланбек шашыла Сейилге келди, ал күтүп отурган эле, көрөөрү менен эркелеп мойнуна асылды:
- Унутпапсың кудайга тобо, кайра кетесиңби?
- Кетпесем болбойт, кел жаталычы, жаным. - Экөө көпкө өбүшүп турушту. - Иштериң кандай?
- Абдан жакшы, менин сага айта турган жакшы жаңылыгым бар. - Көзүн сүзө Буландын жүзүнө жүзүн тийгизди. - Жаңылыгымды уккуң келеби?
- Айта бер угайын.
- Менин боюмда бар!
- Эмне, ал эмне дегениң, ансыз дагы башым катып турганда.
- Менден балалуу болушту каалабайсыңбы?
- Кантип каалайм, аялым турса, балдарым чоңоюп калганда кантип сенден балалуу болмокмун, өзүң ойлочу?
- Мейли, мен бул баланы төрөйм, мындан ары келбе, өз тагдырымды өзүм чечем! - деп терс бурулду Сейил, көзүнөн ызанын, армандын жашы төгүлүп жатты. Булан бир азга унчукпай турду да, аны кучактап сооротуп кирди. Сейил ага ого бетер өпкөлөп ыйлап жатты.
- Сейил, түшүнчү мени, мен сага үйлөнөм деген эмесмин, туурабы?
- Ооба, билем аны.
- Андай болсо мага да билгизбей жок кылып койсоң болот беле?
- Мен балалуу болгум келген.
- Атасыз балалуу болгуң келдиби?
- Сен турасың, баары бир балаңа карайсың, сыртынан болсо да караарыңа ишенем, - Сейил капалуу сүйлөп жатты. - Отузга барып калдым, же күйөөдөн, же баладан жок жүрө беремби? Мени жактырып, жар кылып албасаң дагы сүйүүмө арзыдың. Мен өз сезимимден баш тартып көргөн эмесмин.
- Мейли өзүң бил, жаным, менин дагы оюм ордунда эмес. Даниел үйлөнөм деп жатат, тилди албайт, бөлөк өскөн неме такыр баш бербей калат экен.
- Үйлөнсө эмне экен, колуңарда жок эмес, - деди дулдуйган бойдон Сейил.
- Кеп анда эмес, өзү жаш, кандай жердин кызы, кандай кыз…
- Деги колуңарда болсо эле бир асманда болуп каласыңар да, балаңа жакса болду, эмнеге каршы болосуңар, силерге өзүңөргө окшогон байдын эле кызы керекпи? Анте берсеңер Даниелди качырып ийесиңер!
- Кайда качмак эле, байкабай бир жайсыз жердин кызын алып алса өзүнө да, бизге да жаман эмеспи, сүйүсүн урдум ошонун!
- Гүлай жеңемди сүйүп алгансың го, эгер ошол кезди эстесең каршы болмок эмессиң. Кой ал өз ишиң, мени өз жайыма кой да, үйүңө бар. Өз маселең меникинен маанилүү болуп турганда мени ойломок белең, менин жалгыз болгум келет, - деп Сейил ичкериге басты.
- Мени кубалаба, Сейил, бүгүн сенин жаныңда болоюнчу?
- Жо-ок, сага канчалык оор болсо, мага да ошончолук оор. Ансыз дагы жүрөгүм ооруп турат, кайра-кайра картын сыйрый берсең жара ырбай берет, менин жарамды күчөтпөй үйүңө бар! - деди көз жашын каканактата. Буландын мизи кайтарылып кетти, не дээрин билбей калды, башын шылкыйта артка кайрылып, чыгып кетти. Сейил ал кетээри менен диванга көмкөрөсүнөн жыгылып ыйлап жатты. Ал алданганына өкүнүп ыйлады, ишенген эркеги аялынан чыга албаганына жини келип, арманын айтууга жанында бир жан жогуна жаны кашайды. Өзүм билемдик, бирөөнүн акыл-насаатын укпагандык акыры келип түйшүккө кабылтаарын сезип-туюп өкүнүп жатты. Баары кеч болуп калган эле. Ичиндеги баланы алдырганга да болбой калган. Аргасыз жумушуна барып, үйүнө келип, жашай берди. Ошол арада Буланбек дагы келбеди, баласын үйлөнтүп колу бошобой жаткан.
Сейил андан үмүтүн үзө күндөгүсүндөй эле жалгыз отурган. Эшик тык-тык эткенинен жетип барды.
- Ким?
- Мен эле, Сейил. - Буланбек аста үн катты.
- Эмнеге келдиң?
- Ач эми эшикти, сүйлөшчү сөз бар.
- Менин сенде сөзүм жок.
- Кечирип кой, бир ооз кебимди угуп койчу, бат эле кетем.
- Кандай кеп? - Эшикти ачып, жолун тосуп туруп алды. - Ушу жерден айт.
- Койчу, Сейил, сен үчүн келдим, сүйлөшөлүчү, кудай жалгагыр…
- Бат-бат айта сал да, кет.
- Макул эми, эшикти жапчы, - деп Буланбек эшикти бекитип жаткан келинди артынан бекем кучактап калды. - Мен сени жакшы көрөм, Сейил, сенин бүт айтканыңды аткарам.
- Кантип, балдарың, аялың бар, мени ойлоно турган жайың жок эмеспи?
- Сен үчүн баарынан кечем! - деп Булан айтканда ал шарт бурулду.
- Кандайча, урушуп калдыңарбы?
- Жо-ок, ойлонуп көрдүм.
- Жеңем билсе, менин апам билсе эмне болот?
- Акыры билишет, экөөңөр менен тең жашайм, эгерде төрөсөң үй алып берем, анан жашай беребиз, - деп Булан келинди арыдан-бери чечинте салып, өпкүлөп жатты. - Мен сени башкага ыраа көрбөйм.
- Мен макул болсом дагы аялың макул болбойт, бекер кылып жатасың, абийирибиз төгүлөт. Мен дагы кеч ойлондум, экөөбүздү таптакыр эл катарынан чыгарып салат, каргышка калабыз, Булан.
- Түшүнөт, мен экөөңөрдү тең багам, - деп экөө төшөктө ооналактап жатышты.
Гүлай келин алып, өйдө-төмөнүнө жүгүрүп, ырым-жырымын жасагандан кийин той өткөрөөр алдында бир күнү Буландан сурады:
- Сейилден дайын жок да, келип жардамдашып койбойт беле?
- Билбейм, аны көрбөгөнүмө канча болду.
- Телефон чалып көрчү, келип кетсин.
- Макул, - деген Буланбек телефондун кулагын бурады. Жаңы эле түштөнүүгө жөнөмөк болуп жаткан Сейил телефонду ала койду.
- Алло-о, ким экен бул? - Сейилдин үнү угулганда калтаарый түшкөн Буланбек Гүлайга карады: - Кел, өзүң айт.
- Азыр, - деп колундагы жасап жаткан ишин таштай коюп трубканы алды. - Алло, бул Сейилби?
- Ооба, сиз Гүлай жеңемсизби?
- Ооба, мен, келин алганыбызды уккандырсың, келип жардам берип койчу, жалгыз кыйналып жатам.
- Аа-а, макул, барып калам, жеңе.
- Сөзсүз келгин ээ?
- Барам, - деп ойлуу трубканы коюп, шалдая отуруп калды. - Кантип барам, таежемдер бар чыгаар, кантип Гүлай жеңемдин жүзүн карайм? - деп айласы куруду. Акыры жумушун бүтүрүп, анан келинине гүл алып, жоолук дайындап, сыр билгизбей кирип келди.
- Салам, жеңе, кандайсыздар? - деп жаркылдай кирген Сейилди Гүлай чын пейили менен тосуп алды. - Келин кут болсун!
- Кудай кут кылсын, кел, келе гой, иштериң кандай? - деп Гүлай аны бетинен өөп, кулагына шыбырады. - Жигитиң кандай, той качан?
- Жеңе…
- Тамаша, кирип апамдар менен учурашып чык.
- Макул, - деп залга кирип баратканда алдынан Буланбек чыга калды эле, селт этип алды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, башын чайкап: "Эч сыр билгизбе", - дегендей белги берип, басып кетти Буланбек. Нес боло туруп калган Сейил оюн токтото ичкери кирсе жаш келин, Сыйда менен беш-алты аял отуруптур. Сейил адегенде баарына баш ийкей учурашып, келинге жоолук салды.
- Бактылуу болгула.
- Айтканың келсин, - деди анын артынан кирип келе жаткан Гүлай.
- Садага болоюн десе, бир туугансыңар да, келгениң жакшы болбодубу, аман жүрөсүңбү, кагылайын, - деп Сыйда аны өзүнө чакырды. Сейил ыңгайсыздана ага жетип, өбүшө учурашып жанына отуруп калды.
- Кандай, таеже, жакшы жүрөсүздөрбү?
- Жакшы, айланайын, өзүңдүн иштериң жакшыбы?
- Баары ойдогудай.
- Ошент, садага, өзүңөргө-өзүңөр тың болгула.
- Имандар жүрөбү?
- Жүрөт, Азизанын боюнда бар, буйруса бир-эки айдан кийин төрөйт.
- Жакшы болуптур, - деп унчукпай калды.
- Өзүң качан күйөөгө чыгасың? - Нукуй күлүп койду.
- Билбейм, таеже.
- Сендей кезде чекесинен чертип тийбейби, - деди Сыйда. Ошенткенде Сейил ойлонуп жатты: "Менин тагдырым бөлөлөрүмө байланып калса канттим, айлам канча? Качандыр бир кезде уксаңар бетиме түкүрөсүңөр го, мынча болгондон кийин баарына чыдоомо туура келет", - деп өзүн чыйралтты. Бир аздан кийин Гүлайга жардам бергени ашканага келди. Экөө сүйлөшүп жатканда сөздөн такалып, улам чакап кетип, ойлору уйгу-туйгу боло берди. Ага Гүлай бүт баарын билип туруп, сынап жаткандай сезилди. Кеч киргенде Сейил башым ооруп турат деген шылтоону айтып, кетип калды. Анда деле Гүлай эч нерседен кабары жок өз иши менен алек болуп жүрө берди. Буланбек келинине той өткөрүп, дагы бир жумадай Сейилге бара албай калды. Ал бир ыйлап, бир сооронуп, өз иши менен жүрүп да алды жагында бир өзгөрүү болоорун жүрөгү сезе күдүк ойлор менен алышып жатты. Буланбек бир жума дегенде анын үйүнө жетип келди.
- Алтышка, кандай, кол бошобой сени сагынып зорго чыдадым.
- Чынбы?
- Чын айтам, сенсиз жашоом кандай өтөөрүн билбей баратам.
- Гүлай жеңемди дагы ошентип алгансыңбы?
- Аны кой, өзүбүздү ойлонолучу, - деп кучактай жыгылды. - Сен дагы мени сагындыңбы, жаным?
- Сагынуу кайда, өз абалымды жөндөй албай жатам.
- Койчу эми, таарынбачы, жаным, баары жакшы бүтөт.
- Билбейм, ишене албай калдым.
- Ишен, жаным, мен аракет кылам.
- Көрө-өрбүз, - деп тескери карап жатып алды. Буланбек анын таарынычын жазалбай убара. Сейил ага болбой койду, ыйлап жатты, токтоно албай шолоктой берди:
- Сен мени өз жайыма кой, экинчи мага келбе, өз ишиңди кыл, үй-бүлөң менен тынч жаша, жанымды тынч кой.
- Жо-ок, сен мени антип кууба, эч качан кетпейм, - деп түнү бою бирге болду.
Бектур жумушунан алагды болуп, Гүлайды ойлоп эле тынчы кетип жүрдү. Гүлай анын жалпаңдап жанынан чыкпай кайра-кайра телефон чалып, сүйүүсүн арнагандыктан, бир аз жибип жолугуша коюп жүрдү. Бир күнү Гүлайга телефон чалды Бектур.
- Алло, угуп жатам.
- Мен Бектур, Гүлай бүгүн кечки тамакка чакырам, келесиңби?
- Бектур, сен түшүн мени, күйөөм бар эмеспи, эсиң менен болсоң боло, бирөө жарым укса эмне дейт? - Гүлай шыбырай сүйлөдү. - Мен эрте эле үйдө болушум керек.
- Гүлай, суранам, бирге тамактаналычы.
- Бектур, биздин ортобуз эч качан жакындабайт, убара болбочу.
- Жо-ок, сен бүгүн сөзсүз келишиң керек, Кан-Теңири ресторанынан сени күтөм! - деп трубканы коюп койду. Гүлай ойлуу отуруп, Бектурдун өзүнө жасаган мамилесин бирден көз алдына келтирип жатты. Анан күзгүгө көрүнүп, өзүн ирээтке келтирип, ага жолугуп жакшылап түшүндүрмөк болду. Таксиге отуруп макулдашкан жерге жетип алып, өзүн күтүп, эки жакты карап турган Бектурду көрө акырын басып келди. Ал көрөөрү менен эле:
- Келдиңби, Гүлай? - деп колунан өөп, колтуктай ресторанга алып кирди. - Баары даяр, кандай келдиң, Гүлай?
- Жакшы, мунун баарынын кереги эмне, убара болбой эле койсоң болмок, бекер кылыпсың.
- Жок, мен эч качан өз кылганыма өкүнбөйм, баары туура деп ойлойм, Гүлай, - деп кирип үстү тамак-ашка толгон үстөлгө отурушту. Бир кезде шаңдуу музыка башталып:
- Урматтуу коногубуз Абдразакова Гүлай, сиздин бүгүнкү туулган күнүңүздү куттуктап, Рысбай Абдыкадыровдун ырын тартуулайбыз! - дегенде Гүлай таңгалып калды. Көрсө өзүнүн туулган күнүн унутуп да калган экен. Ойлонуп шаша ордунан турду:
- Бектур, мени кечир, үйдөгүлөр күтүп калышты го, унутканымды кара, сага абдан рахмат, ыраазымын.
- Гүлай, отур бир аз, тамактан алсаң, - деп Бектур кызыктай абалда аны колдон алды. - Кетпе суранам, Гүлай.
- Бектур, үйдө кайненем дагы бар, уят го жүрүп алганым, дагы бир жолугабыз, бүгүн мени кечир!
- Жо-ок, бүгүн сен менин коногумсуң, эки сааттан кийин өзүм жеткирип койом. Азыр эч жакка кетпейсиң, - деп отургузуп, алдындагы тамакты кашык менен оозуна алып барды. - Кана жеп койчу эми. - Гүлай күлүп жиберди.
- Болду эми, өзүм жейм.
- Анда алып отур, - деп өзү кымбат шараптан бокалдарга куюп, бирин ага сунду. - Бүгүнкү туулган күнүң кут болсун, алтыным.
- Бектур, ушуну тим койчу, ичип барсам эмне дешет, тамагыңды ичем, а шарапка кыстаба.
- Жо-ок, болбойт, сен ичпесең таарынам, менин сени кандай гана сүйөөрүмдү билбейсиң, тоотуп да койгуң келбейт, жок дегенде бүгүн мени угуп койчу? - Жалдырай суранды. Бектур ушу бүгүн аны күйөөсү менен уруштуруп, ажырашып кетүүсүн каалап турду. "Кечигип барса сөзсүз урушат, анан ажырашканга чейин барат, мен Гүлай үчүн баарына барам, ал менин жанымда гана болуусун каалайм", - деген ойдо болду. Гүлай көңүл калтыргысы келбей шараптан аздап алып, чыйпыйы чыгып баратты.
- Бектур, мындан ары экөөбүз коллега катары гана мамиледе бололу, сенин жолуңда дагы бир жакшы аял тургандыр, мени көп кыйнаба. Мен үй-бүлөм менен тынч жашагым келет, кечир мени.
- Жо-ок, азыр сенин туулган күнүңдү гана айтышыбыз керек, башка сөздү кийин улантабыз. Бүтпөгөн сериалдын айтылбаган сөздөрү, тартыла элек кадрлары али алдыда, тынч отуруп сыйымды кабыл ал. Бул сага менден арзыбаган белек, - деп жоон алтын чынжыр бергенде ого бетер аргасы кетти Гүлайдын.
- Бектур, мунун кереги жок, ала албайм, күйөөм экөөбүз бардык нерсени кеңешип алабыз, кокус муну көрсө уруш башталат, - деп Гүлай безилдеп ийди.
- Гүлай.
- Ийи.
- Сен адамдарды сыйлаганды билбейсиңби? - деди Бектур кокусунан орой. - Эгерде адам сыйлаганды билсең, менин ал-абалыма түшүнөт элең?!
- Эмне дедиң?
- Сыйлай албайсың!
- Жо-ок, Бектур, сен менин үй-бүлөмдүн бузулушун каалайсыңбы, кантип эри бар аял башка бирөөнүн белегин алат? Кантип башка бирөө менен жүрсүн, ошондой аялды кандай эр, кандай бала сыйлайт? Сен өзүңдү гана ойлоп, мени ойлогон жоксуң! - деп Гүлай туруп басып кетти. Бектур башын жерге салган бойдон кала берди. Гүлай жолдо келе жатып ыйлап алды, өзү дагы аны аяп, жакшы көрүп калган менен аял-эне катары үй-бүлөсүн сактап калууга аракеттенди. Ал үйгө киргенде алдынан Буланбек тосуп алды.
- Кайда жүрдүң? - деп ал ачуусу келгенин жашыра албай бурк этти. - Ушунча да кечигесиңби, сени күтүп отурабыз…
- Иштешкендерим сыйлап калды.
- Ошондо да эртерээк келбейсиңби же телефон чалып койбосуңбу, биз сени күтүп отурабыз.
- Кой эми урушпа, балам, биз дагы куттуктап койолу, бүгүн капа кылба Гүлайды, иштешкендеринен чыгалбай калгандыр, - деп Сыйда уулун тыйды. - Көп жаша, балам, балдарыңдын урмат-сыйын көрүп, бактылуу байбиче бол, садага, - деди келинин бетинен өөп.
- Рахмат, апа, мени кечирип койгула, кечигип күттүрүп койгонумду, - деп Гүлай ыңгайсыздана кечирим сурап баарына кайрылды.
- Мындай күнү боло берет, мына эми келдиң, сенин туулган күнүңдү өткөрүүгө болот.
- Апа, туулган күнүң менен! - деди Даниел менен келини Асел келип бетинен өптү.
- Рахмат, бактылуу болгула, балдарым.
Гүлай эс ала түштү, "Кудай сактады", - деп үшкүрүнүп алды. Ал күнү бир оокумга чейин көңүлдүү отурушту, андан кийин Даниел менен Асел уруксат сурап, өз бөлмөлөрүнө кетти. Сыйда: "кой мен да жатып уктайын", - деп төркү үйгө кирди. Сезим эбак эле жаткан. Буланбек менен Гүлай экөө гана калды.
- Демек сыйлагандар озунуп кетти дечи?
- Эмне деп жатасың, иштешкендерден чыга албай калдым.
- Макул эми, менин дагы белегим бар, кечиксем дагы берип коюуга туура келет, - деп чынжырчаны алып чыгып мойнуна тагып, өөп койду. - Туулган күнүң кут болсун!
- Рахмат, сен чын эле мени эстедиңби?
- Кантип айтып жатасың, сени эстебей койчу белем?
- Жөнөкөй белек берчү элең го, бул биринчи жолку абдан кымбат белегиң болду. - Жылмая күйөөсүн өптү.
- Машина алып бердим, ал кымбат белек эмеспи?
- Оой, унуткан турбайынбы, кечир…
- Эчтеке эмес, мен сени абалкыдай эле сүйөөрүмдү айткым келет, сенин оюңду билсем болобу?
- Койчу эми, балдар чоңоюп бойго жетип, үй-бүлө курганда сүйөм-күйөм дегенибиз болбойт го, Булан?
- Болот, биздин сүйүүбүз эми кайра күчөшүн каалабайсыңбы?
- Жок!
- Эмнеге?
- Уят.
- Кой, кемпир, биз бири-бирибизди сүйгөн жок белек?
- Анда жаш элек, ошол сүйүүбүздөн эки данек өсүп чыкты, эми алар бүрдөп, бутак байлап, чоң дарактарга айланат. Биз алардын көлөкөсүндө ырахаттанып бактылуу өмүр сүрсөк ошондон өткөн бакыт барбы, Буланбек?
- Туура, бирок биздин сүйүүбүз эскирээрине ишенбейсиңби?
- Кантип, сүйүү эскирбейт, оошот, Булан, биздин сүйүүбүз балдарыбызга ооп баратат, ошону түшүнсөң.
- Түшүндүм, алтыным, кеч болуп калды, эс алалы, - деп Гүлайды ордунан тургузуп, колтукташа жатчу бөлмөгө киришти. Алар ошол күнү кадимкидей бирге болушту. Болуп көрбөгөндөй бири-бирин сүйүштү, ырахат тартуулашты, ортолору негедир жакындагандай болду. Буланбек ошол күнү аялы менен коштошкондой болду, купуя кечирим сурады да, эртеси үйдөн чыкты. Анткени Сейил экөө сүйлөшүп, шаардан башка жакка кетмек болушкан. Сейилдин ичи билинип калган. Буланбек аны бир кезде өзү мал доктур болуп иштеп кеткен айылга алып кетмек болгон. Бизнесин сырттан текшерип, жумасына бир келип, эсеп-кысабын алып кетип турам деп макулдашып, шарттуу кагазга кол коюп, жөнөп кетти. Ал айылда досу бар эле, алардын үйүнө түштү адегенде.
- Оо, мен кимди көрүп турам, менин досум Буланбек келип калган го, кел, досум, кел!
- Кандай, Тариел, ден-соолуктар жакшыбы, бала-чака чоңоюп жатабы? - деп экөө ысык учурашты. Аялы Айша дагы жаркылдаган келин, ал дагы жакшы маанайда тосуп алды.
- Кандай, аяш, жакшы турасыздарбы?
- Кудайга шүгүр, жакшы турабыз, төргө өткүлө.
- Рахмат, - деп Сейилди колтуктай төргө өтүп жайланышты. Буланбек чайлашкандан кийин сыртка чыкканда Тариелге баарын айтып берди. Көпкө сүйлөшпөй үнсүз турушкандан кийин:
- Да-аа, демек жаман акыбалда калыпсың, жооп бериш дагы кыйын, досум, Гүлай кандай абалда калаар экен билген кезде бечара-а, сага сөз кошо албайм.
- Билем, бирок мен сенден көмөк сурап келдим, биякта жумуш табылса иштеп жашоо өткөрүшүм керек.
- Иш табылат, андан кабатыр болбо, негизгиси Гүлайдын абалы кандай болоор экен, мен ошону ойлоп жатам.
- Болушунча болду, дос, мен бир үй сатып алышым керек, андан кийин жашоону көздөшүм керек, - деп көпкө чейин кобурашып, анан үйгө киришти. Тариел аларды жакшылап коноктоду, экөөнү конок бөлмөгө жаткырып коюшту. Анан эрди-катын өздөрүнчө сүйлөштү:
- Бул досуң кызык го, аялын таштап, жаш келинди алып алса, балдары бойго жетип, уулу үйлөнүптүр…
- Жашоодо боло берет, кемпир, бирөө улам көйнөк алмаштырганды жактырса, бирөөлөр бут кийимди алмаштырганды жакшы көрөт. Ал эми дагы бири сөзсүз аялдарды алмаштыра берет, менин досум үчүнчүсүнө кирет. Эми анда экөөбүздүн ишибиз канча, сыр билгизбей сыйлай бер, жаным.
- Жаным дегени эмнеси, балдар угат. - Айша наздана карап койду, жашы өтүп баратса да жүзүндө жылдызы жанып, сулуулугу кете элек.
- Балдар укса эмне экен, биз жаш болбоптурбузбу?
- Койсоңчу, неберелерибиз бой жеткени калды.
- Уят-пуяты жок эле биз эркин болушубуз керек, биз болбосок алар кайдан чыкмак экен? - деп Тариел Айшаны өзүнө тартты. - Биз аларга андан көрө үлгү болушубуз керек, биздин ынтымагыбызды көрүп, өздөрүн биздей тутсун, бири-бирин сыйлап, сүйгөнгө үйрөнсүн.
- Ошентсе дагы айбыгып турган жакшы адат, - деп күлө өздөрүнө орун салганга киришти. - Сен досуңдан үлгү алып, мени башкага алмаштырып кетип жүрбө?
- Койсоңчу, кемпир, Буланбек мага караганда жаш, өзүн-өзү билсин, ар бир адамдын түшүнүгү ар башка. Кабатыр боло бербе, мен качан өлмөйүнчө сенден ажырабайм.
- Болду-болду, тамашаладым.
- Картайдым дейсиң, кызганганың эмнең? - деп Тариел күлмүңдөй сырдуу карады. - Койдум-койдум, жаталы, кемпир.
- Кой, сен эртең досуң менен көчөлөйсүң го?
- Ооба, үй сатып алышмак экен, жардам берейин, ал ветврач болуп иштеп жүргөндө далай эле пайдасын көргөнбүз.
- Туура, жакшылыкка-жакшылык деген.
- Эстүүсүң, Айша, сендей аялым турса башканы ким коюптур мага? - Тариел аялын кучактап далыга таптап койду.
Сейил өздөрүнчө болоору менен Буланга кайрылды:
- Сен бул жерде калба, мен жашай турган жай тапсак эле болду. Үйдөгүлөрүң сени издеп калбасын, анда менин күнүм не болот? - деп ыйлап калды. Буланбек ары басып, бери басып ойлонду, анан кайра эртеси эле шаарга жөнөп кетели деп чечишти. Тариелге жай айтып түшүндүргөн соң кайра жолго чыгышты.
- Жакшылап ойлондуңбу, Сейил? - Буланбек өзүнө жөлөнүп келе жаткан Сейилди карады.
- Ойлондум, сен өз үй-бүлөңдөн алыс болгонуң болбойт. Мен өзүмчө үй болсо өз оокатымды өзүм өткөрө берем, сыртымдан көз салып турсаң болду.
- Болуптур, дароо үй сатып берем.
- Төрөгүчө карап тур, баланы өзүмө каттатып алып жашай берем.
- Ойлонуштуруп көрөбүз, алтыным, сага көп ойлонгонго болбойт, бир мааниси болоор, - деп саамайынан өөп койду эле, келин аны бекем кучактап, көзүн жумуп алды. Андан кийин эч кимиси сүйлөгөн жок. Шаарга келгенде Сейилди күнүмдүк мейманканага жайгаштырып коюп, Буланбек үйүнө кетти. Анын келбей калганына Гүлай тынчсызданып жаткан. Өзү күндүзү Бектурдун жарга такаганынан улам башы ооруп, анын берген чынжырчасын кармалап отуруп мойнуна тагынып көрүп, күзгү алдында турган. Эшиктин ачылганын байкап, утурлай басып келатып Буланбекти көрдү.
- Сага эмне болду, түндө эмне келбей калдың? - деди суроолуу карап.
- Жумуш, жумуш чыгып калды…
- Шаарда эле болдуңбу?
- Ооба, шаардын четиндеги дачада конокторду тостук, компаниянын иши боюнча пикир алмаштык.
- Жакшы, кийинки кездерде коногуң көбөйүп баратат, компанияңдын иштеринде бирдеме болдубу?
- Жок, өндүрүш үчүн сүйлөшүп жатам, бир эле жол менен кете бергенде болмок беле, сен анын жолун билбейсиң, - деп үстөлгө отурду. - Бирдемең барбы?
- Бар, азыр алып келем, - деп Гүлай ашканадагы тамагын алып келди. Ал эңкейгенде мойнундагы чынжыр салаңдай Буландын көзүнө көрүндү. Өзү алып берген чынжырчага жоонураагы кошулуп турганын көрүп:
- Ким белек берүүгө жетишти? - деди кызгана.
- Аа-а, - Гүлай сөз таппай чынжырчаны сыйпалап туруп, - а-а, муну апам алып берди, - деди кызара.
- Чын элеби?
- Эмне калп айтып жүрдүм беле, мен кыркка толдум, кечээ апам келиптир…
- Макул, апам өзү албагандыр…
- Сиңдим менен иним акча беришиптир, кырк жашты белгилебейт деп, жөн гана берип койолу деген экен.
- Жакшы болуптур, куттуктайм, жаным, - деп Буланбек ага жай жооп бергени менен ичинен ойлонуп калды: "Мында бир сыр бар, бирөө менен жүргөнүн көрсөм", - деп жини келе кызганып турду. Сыртынан эч нерсе болбогондой ордуна жатып калды. Кайненесинен суроого батынбады, эмне кылаарын беймазаланып, уйкусу качты. Гүлай ашканасында жүрүп: "Эми эмне болот? Апама сөзсүз айтып коюшум керек, болбосо уруш чыгат. Кайдан дагы тагына койдум эле, унутканымды кара", - деп санааркай идиш-аягын жууп бүтүп, шалдайып отуруп калды. Качан Буланбек уктаган кезде акырын келип жатты. Анын келгенин билсе да эри унчукпай уктамыш болуп койду. Гүлай күнөөлүүдөн бетер Буланбекти күндөгүсүндөй кучактай албады. Эртең менен Буланбек туруп эле кетип калды. Сатыла турган үй издеп, бир бөлмөлүү батирди шаардын тең ортосунан тапты. Бир жума жүгүрүп жүрүп, баарын бүтүргөндөн кийин Сейилди киргизип коюп, керектүүсүн алып, бир бөлмөнү толтуруп берди.
- Ыраазысыңбы, жаным? - деп кучактап өөп, эркелете карады.
- Ыраазымын, бирок муну менен бүтпөйт биздин ишибиз.
- Туура, ойдогудай жашап турганыңа болот го дейм?
- Болот, эми жумушка чыгалбайм, үйдө жата берем го ээ?
- Зериксең телевизор алып берем.
- Кино көргөнгө дивиди менен диск ала кел, - деп сүзүлө жылмайып койду. Буланбек бүт баарын дайындап берди, алтургай күндө түштөнүүгө ошол жерге келе турган болду. Кечке маал үйүнө жөнөп баратып Гүлайды ала кетейин деген ойдо жумушуна кайрылды. Гүлайдын өз машинасын иниси сурап кетип уруп алып, көптөн бери ремонтто жаткан. Көнгөн ооруканага кирип, аялынын кабинетине баратканда ага тааныш медсестра жолугуп калды.
- Саламатсызбы, Гүлай кете элекпи?
- Ал бир аз мурун эле кеткен.
- Кетип калдыбы?
- Ооба.
- Рахмат, - деп Буланбек артка кайрылып, үйүнө келди. Ал келсе Гүлай келе элек экен. Келини ага тамак куюп берип, уул-келини менен кызы болуп тамактанып, бир топко отурушту. Гүлайды күткөн менен ал кечигип жатты. Жини келип, үй ичинде ары-бери басып турганда аялы шашыла кирип келди, эч нерседен капарсыз эле.
- Сен келип калдыңбы?
- Ооба, жумуштан кеч чыктыңбы? - деди Буланбек сыр билгизбей ачуусун жута.
- Ооба, иш чачтан көп.
- Мейли, бирдеме ичип ал.
- Кардым ток, чогулуп бир жерде отурдук, Галянын бүгүн туулган күнү экен, мен баса бердим.
- Отуруп эле келсең болмок, үйгө телефон чалганды унутпай жүр, андай ишиң болгондо.
- Тез эле келе турган болгон соң чалып эмне кылам?
Андан кийин эч кимиси үндөгөн жок. Галя деген Гүлай менен иштеген орус аял. Буланбек ишенип калды, "Урушпаганым дурус болгон экен, уул-келинибиздин көзүнчө уруш-талаш болуп жатса эмне дешет эле? Кудай сактады, эмнеге ачууландым, дале аны сүйөт окшойм, мен жаңылышып калдымбы", - деп Сейилди көз алдына келтирип алды. Шыңга бою өзүнө жарашып, көздөрү саал кичине болгону менен кирпиги калың, кашы кара, мурду кырдач неме жүрөгүн эзип жиберди. Гүлай деле сулуу келин, бир аз толуп баратканы болбосо көзгө толумдуу балпайган аял. Экөөнү тең кыялбай турду.
Жумушун бирөөгө тапшырып койгондуктан, бир айга чейин чыдайын деп өзүн-өзү соорото тамак-аш алып, Сейилдин жанына барды.
- Кандай, жаным, кыйналган жоксуңбу?
- Жок, эмнеге кыйналмак элем, болгону санаа эзип баратат. Мен жаңылып алдым, апамды качанкыга чейин көрбөйм эми, эжем көрсө өлтүрөт. Менден кабатыр болуп жатышкандыр, кантип жолугам? Эжем көрсө үйүнөн чыгарбайт, - деп Буланбектин тизесине башын коюп алып, ыйлап жатты.
- Кой, алтыным, көп ыйлай берсең балага зыян, мен сенин жаныңда дайыма болом, - деп чачынан сылап, өзүнүн дагы айласы куруп жүргөнүн айткысы келбей нымтырай үнсүз отуруп калды.
- Ушинтип жашай беребизби, бир күнү баары дайын болгондо кантебиз?
- Ачыкка чыкканы жакшы эмеспи, - Буланбек көңүл улай айтканы менен кызын, уул-келинин эстегенде жүрөгү болк дей түштү. Алар өзүн шыпыргы менен чапкылап, үйдөн кубалап жатканы көз алдына келип, ичиркене силкинип алды.
- Сага эмне болду? - Сейил анын силкингенин сезип сурады.
- Чыйрыгып кеттим.
- Эшик ысык го?
- Билбейм, башым ооруп турат.
- Сени түшүнөм, көп ойлонуп жүрөсүң, мен сага түйшүк алып келип, кыйнадым окшойт?
- Жо-ок, күнөө экөөбүздө эмес, көз карашта, жүрөк ишинде. Мен сени азгырдым, эми акырына чейин бирге боломун, эмне болсо да сени жалгыз таштабайм. Акыры башта бир өлүм дегендей, бир жаралып бир өлөбүз…
- Тагдырымды сага байлап алган өзүм болдум.
- Капаланба, алтыным.
- Кандай болсо да баары алдыда.
- Ооба, экөөбүз тең даяр болушубуз керек.
- Туура, чагылган түшкөндөй бир өрттөнөбүз го, - деп Сейил башын көтөрө жылмайып койду. - Бирибиз чагылгандын отуна күйүп кетээрбиз.
- Эмнеге бирибиз, экөөбүз тең. Кызык, эмне болуп жатканын түшүнбөй баратам, - деди Сейилди кучактап отуруп ойлуу телмире, ар кайсыны айткысы келди. Бирок аны менен туңгуюктуу татаал суроолорго жооп таба албасын сезген соң үн деген жок. Экөө тең унчукпай кучакташып, отура беришти. Бул жашоонун чечилбеген сырлары миң кырдуу, ошол сырды экөө биригип ичке сактап, жара сымал жарылып дайын болгуча чыдаганга бел байлап турушту. Кечке бирге болду экөө, Буланбек өзү тамак жасады. Сейил унчукпай жата берди. "Мен бул өмүрүмдө бир гана адамды сүйдүм, ал мени карабаганына ызаланып, анын агасына азгырылдым. Эмне пайда таптым? Боюма болоорун билбедим, эгерде билсем сактанмакмын, балалуу болоорумду билгенде мен эне болоорума кубандым. Канча түйшүк артынып алганымды да билбедим, туура иш кылдымбы же?.." - деген ойлор менен алышып, эч нерсеге көңүлү келбей жата берди. Бир кезде Буланбек ага келип, бетинен өөп көтөрүп алды:
- Жүрү, менин айымым, тамак ичебиз, - деп отургучка алып келип отургузду. - Көп капалана бербе дедим го?
- Сен эми кетесиң да…
- Андай болбосо болбойт, кел тамак ичебиз, менин кандай тамак жасаганымды билсең, - деп тамагын алдыга алып келип койду. - Мен жокто жата бербей тамактанып тур, алтыным, балага витаминдүү тамак керек, муздаткычка баарын толтуруп койдум.
- Жүрөгүмө эч нерсе барбайт.
- Аз-аздан ичип тур.
- Кардым ачса ичээрмин, өзүң ичип алып, жолдон калбай жөнө.
- Азыр-азыр, жай тамактаналычы.
- Деги айтам да, азырынча шек билдиргенге болбойт.
- Ооба, мен дагы ошентип ойлойм.
- Сен эртең келбе, отпускага чыкканыңды айтышың керек, эгер Гүлай жеңе ишиңе телефон чалып билип калса…
- Ырас айтасың, бүгүн айтышым керек, - деп Буланбек шашыла туруп кийинди да, - Кардыңды ачырба, - деп чекесинен өөп, чыгып кетти.
- Жакшы бар, - деген Сейил көз чанагына жаш толо узата карап кала берди. "Ушундай жашоонун кимге кереги бар, бирөөнүн күйөөсүн күтүп жалдырап, корунуп жүргөндөн не пайда? Апам укса менден кечип кетет, эч кими жок калган кандай жаман, бир туугандарым дагы карабай кетишсе мен үчүн кордук эмеспи. Кандай кылам, деги эмне кылсам болоор экен?" - деп ойлонуп, көз жашын сыдырып алды. Түнү бою ойлонуп, уйкудан калып, кайра уктап, эптеп күн өткөрүүгө өттү. Ошол күнү Буланбек аялынын жумушуна кайрылып, эми бурулуп келе жатканда Гүлай жумушунан чыгып, бир машинага отуруп кеткенин көрүп калды. Ал Бектур болчу. Экөө эртерээк чыгып, кафеге келишти. Бектур анын жанын койбой телефон чала берип, чакырып алган. Ал түз эле:
- Сен күйөөңдөн ажырашышың керек! - деди отураары менен.
- Жок, ажыраша албайм!
- Анда сени ала качып, таптакыр алыска алып кетем, - деп Гүлайдын колдорун кармап жүзүнө үңүлүп отурганда Буланбек артынан келип, экөөнү босогодон карап турду. Сөздөрү угулган жок, бирок чыдап тура берди.
- Эч качан сенин андай кылууга акың жок.
- Бар, мен өзүм каалаган адамды кайда алып кетсем өз эрким, сенден жакшы жооп уккум келет. Айтканыма макул болбосоң сөзсүз алып кетем, - деп официант алып келген тамактын бирин анын алдына жылдырды. - Кел тамактан алып отур.
- Өзүң иче бер, мен үйгө барып, ичип алам.
- Эми мага таарынбачы, Гүлай, мен сенсиз кандай өмүр сүрөөрүмдү элестете албай калдым. Сени ойлосом жинди болуп кете жаздайм, эми эле бөлүнсөм кайра жаныңда болгум келет. Сенин жаныңда күйөөңдүн жатканын ойлогондо жаным жай албай жарылып кетээриме аз калат. - Бектур кашык менен тамагын сайгылап мыжыгып жатты. - Мени жинди болуп кетсе дейсиңби? - Көзүнүн төбөсү менен карады.
- Бектур, бул токтоло электе келчү сезим, биз азыр чоң кишилербиз. Баардыгына салмак менен караганыбыз дурус болоор, сенин балдарың, менин балдарым дегендей… - Гүлай тамакка караган да жок, Бектурга түшүндүрүүгө аракеттенип сүйлөй берди. - Мени кыйнаба, ойлонуп иш кылаар жашка келдик.
- Мен эч качан айтканымдан кайткан жан эмесмин, дагы бир жума күтөм, эгерде оң жооп болбосо алып кетем, - деп Бектур үңкүйүп отуруп тамагын ары түрттү. - Мен да адаммын го, же жинди деп ойлоп жатасыңбы?! - деп үстөлдү бир урганда стакандагы суулар төгүлүп кетти. Гүлай да ордунан тура калганда официант келди аларга.
- Бул эмне кылганыңыз, тынч отурушуңар керек, болбосо бошотуп коюңуздар, - деп жатканда Буланбек шашыла машинасына жетип, арыраак айдап барып, карап калды. Бир кезде Гүлай менен Бектур ээрчише кафеден чыгып, машинага отуруп жөнөгөндө Буланбек алардын соңунан түштү. Алар түз эле өздөрүнүн үйүнө жөнөгөндө орто жолдо калып калды. Бектур кайра өтүп кеткенден кийин үйгө келип кирди.
- Эрте келипсиң го? - деди аялына.
- Ии-ий, ооба…
- Жумушуң эрте бүткөн экен.
- Ыя? - Гүлай алдастай жооп бергенге сөз таппай калды. - Иш бүттү, анан келдим…
- Жакшы, машинаң бүтө элекпи?
- Жок, эки күндө бүтөт деди.
- Макул, өзүң алып алаарсың, ишиңде кыйналыштар жокпу?
- Жок-жок, баары жайында.
- Жакшы анда, - деди да, келинин көрүп унчукпай калды. - Балам, Даниел үйдөбү?
- Ооба, ата.
- Сезим келдиби?
- Жок, ал келе элек.
- Таенесине кеткен го?
- Билбейм.
- Мейли, келип калаар, - деп отура кетти. Гүлайдын ой-кыялы алда кайда кетип, жан дүйнөсү эзилип жатты, ойлоп көрүп ишинен чыкмак болду. "Эгерде минтип жүрө берсем үй-бүлөмдү жоготуп алам. Бектурдан алыстабасам болбойт, Буланбек билип калса иштин бүткөнү", - деп ашканада тамак жасамыш болуп, ар кайсыны кармалап кайсаңдап турганда Асел кирди:
- Апа, мен өзүм эле жасайм, сиз эс ала бериңиз, чарчагандырсыз.
- Ии-ий мейли, кызым, чынында чарчадым, - деп шалдая ашканадан чыгып, өз бөлмөсүнө кирди.
- Эмнеге көңүлүң чөгүп калган? - деди артынан кирген Буланбек.
- Башым ооруп турат.
- Дары ичпейсиңби?
- Үйдө дары жок.
- Балдарды жибер.
- Убара кылганда эмне, басылып калаар, - деп дивандын четине жатып алды.
- Сени бир маселе кыйнап жүргөн жокпу? - Буланбек капыстан суроо бергенде уктамыш болуп калган Гүлай: "Бул эмне деп жатат, билип калган жокпу?" - деп демин ичке катты. Эри укпай калдыбы дегендей кайра кобурады. - Маанилүү ишке кабатырланып жаткандайсың.
- Эмне, эмне дедиң? - Гүлай тура калды.
- Жашырба, Гүлай, биз бир үй-бүлөбүз, бири-бирибиздин маселебизди жашырышпай ачык айтып чечишибиз керек, - дегенде Гүлай эмне дегенин байкабай калды.
- Эмнени айтышым керек, мүмкүн мени бирөө сүйүп калды десем, сен жооп таап, мага жардам берээр белең?! - деп үнүнүн барынча айтканда Буланбек эмне дээрин билбей бир саамга аялын карап туруп калды. Гүлай болсо оозунан кандай сөз чыгып кеткенин сезбей мууну калчылдап тура берди. Көптөн кийин гана Буланбек токтоо үн катты:
- Ырас айтып жатасыңбы?
- Эмне дедим, сен эмнени уктуң? - деген Гүлай башын сыйпалап аны карады. - Мен эмне деп сүйлөп ийдим?
- Жан дүйнөңө дүрбөлөң салган санааны айттың, туура-а, мен мындай болоорун күткөн эмес элем, кыйын учурга кез келдим, өзүң чеч! - деп бөлмөдөн чыгып кетти. Гүлай селдейген бойдон ордунда отуруп калды, анан шашыла туруп, Буланбектин артынан жүгүрдү. Ал кабагы салыңкы, столдо отурган эле, жетип тизесинен кармай отура калды:
- Мен жаңылыш айтып алдым, баары андай эмес. Башымдын ооруганынан эле сага жиним келип, эмне деп айтып жибергенимди байкабай калдым.
- Эч нерсе эмес, алтыным, мындай туюкка камалып калышың да мүмкүн. Өзүңдү кармай бил, үй-бүлөнү сактоого тырыш, сен да сүйүүгө татыктуусуң, мен сага эч нерсе деп айталбайм, - деп оор улутуна жаагын таянып отура берди.
- Эмне, эмне дедиң, Булан?
- Болду эми уктайлы, көп сөздүн кереги жок.
- Ушундай де… - Гүлай кайра кирип, өз ордуна жатып калды. "Кызык, эмнеге урушкан жок, же өзү дагы бирөөнү сүйүп калганбы? Ошондуктан ал мага түшүнүү менен карап жатабы, бири-бирибизден сууп калабызбы, ушинтип жашоо өтө береби? Балдар турганда мен дагы басып кете албайм, аны да ушул гана токтотуп жүргөн болбосун", - деп ойлоно берди. Жанында жаткан Буланбек үн катпады, түндүн кандай өткөнү экөөнө тең билинбеди. Таң ата Гүлай туруп, жасанып-түзөнүп алып, күндөгүсүндөй эле жумушуна кетти. Буланбек жата берди, эч кайда баргысы келген жок, эч кимди көргүсү дагы келбеди, туруп жуунуп, балдары менен чай ичти. Сезимдин үйгө келбегени ого бетер жүрөгүн кыжаалат кылып, таенесиникиндедир деген сөзгө бир аз эс ала түшүп, өзүн сооротот. Ал ошентип сарсанаада турганда Гүлай кирди:
- Ишке чыкпадыңбы? - деди Буланбек ага.
- Иштен чыктым.
- Эмнеге?
- Чарчадым, айылга барып келеличи, Булан.
- Менин колум бошобойт.
- Кантип, ата-энеңди көрүп келгени баргың келбейби?
- Жок, өзүң бара бер.
- Эмнеге?
- Өзүң эмне себептен иштен чыктың?
- Айттым го сага, чарчадым баарынан, анда мен апама барып, бир жумадай жүрүп келейин…
- Чарчаганың көрүнүп турат, барсаң барып кел, Сезимден да кабар ал.
- Ал окуусуна келип, үйгө келбей жүрөт, эмне болгонун билбейм, а сен жумушуңа барбадыңбы?
- Жок, мен дагы чарчадым.
- Анда чогуу барып келсекчи?
- Көңүлүм жок.
- Өзүң бил, - деген Гүлай ички бөлмөгө кирип, кийим которунуп, бир баштыкка буюмдарын салды да, үйдөн чыгып кетти. Буланбек үн деген да жок, узата карап кала берди. Ою уйгу-туйгу болгон Гүлай жолдо баратып, ыйлап-ыйлап сооронуп, аялдаманы көздөй жөнөдү. Ошол кезде анын жүрөгү ооруп турган. Унаага отуруп, апасынын үйүнө барды. Сайрагүл алтымыштардагы аял, күйөөсү өлүп калган, эки кыз, бир уулу бар, баары үйлүү-жайлуу. Гүлайдын келгенин көрүп, кубанып кетти.
- Келгениң жакшы болду, кызым, Сезимге келдиңби?
- Жок, апа, сизге келдим, кеңешейин дегем. Сезим окуусуна барып жатабы?
- Ой, жо-ок, кызым, Сезимдин үйдө ыйлап жатканына үч күн болду, эмне дарты бар экенин билбейм, - деп Сайрагүл Гүлайдын өз дартын бөлүшөйүн деген оюн байкабай божурап кирди.
- Эчтеке айткан жокпу?
- Жок, сурасам жооп бербейт же тамак ичпейт, үйдөн чыкпайт, - деп кейип киргенде Гүлайдын ою ар кайда кетти. Заматта өзүнүн жүрөк өйүгөн санаасы учуп жоголду, кызынын ал-абалын билгени анын бөлмөсүнө кирди. Сезим чачтары саксайып, көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жаткан экен, акырын жанына отурду.
- Сезим, кызым, сага эмне болду? - Эңкейе берип чачынан сылаарда Сезим анын колун силкип жиберди. - Кызым, эмнеге капа болуп жүрөсүң?
- Эмнеге келдиң, мама, менин ушул түрүмдү көрүүгөбү? - деп өйдө болуп, көз жашын аарчый чачтарын жыйды.
- Сен окууга…
- Окуудан чыктым, уктуңбу, мен эми эч кимиңерди ойлобоймун, менин өлгүм гана келет, мама!
- Эмне дейсиң, кызым, жаман ойду ойлобочу, кызым менин, секелегим, андай сөздү айтпачы, садага, - деп Гүлай кызын кучактап, ыйлап ийгенде ал ого бетер буркурады. Гүлайдын асманы аңтарылып үстүнө түшкөндөй, оюна жаман нерселер келип, көзү караңгылап баратты. Бирок өзүн кармай: "Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес, кызым андайга барбайт, бирдемеге таарынган го", - деп ойлоп, көзүн ача кызын өпкүлөп кирди. - Жүрү, кызым, үйгө кетели, сен окууңду оку, мен силерди карап үйдө болом, атаң дагы үйдө. Биз баарыбыз чогуу бактылуу болобуз, кызым.
- Жо-ок! - деп бакырып ийди Сезим.
- Эмнеге, кызым, эмнеге минтип жатасың, сен эмнеге минтип калдың?
- Мама, менин жашагым келбейт, менин өлгүм келет, мама?!
- Эмнеге, эмнеге антесиң, кызым?
- Менин эч кимиңе керегим жок, мени унутуп койчу, апаке!
- Жок, кызым, жүрү эшикке чыгып сүйлөшөлүчү, өзүңдү ирээтке келтир, кызым, салкынга чыгалычы, - деп кызын алдап, жакшы сүйлөп, чачын оңдоп алып чыкты. Көпкө бак ичинде басып жүрүштү, Гүлайдын ата-энесинин үйү бак-шактуу, кызыл кирпичтен салынган келишкен там. Жакшы турушчу, балдары шаарга бөлүнүп кеткенден бери Сайрагүл Даниел менен Сезимди караан кылып жашачу. - Кана, кызым, мен сенин энеңмин, өлгүң келгени чынбы? Андай болсо мен сенин энеңмин, кел экөөбүз тең өлөбүз, менин сенден калып жашаган күнүм курусун, менден сыр жашырып өлгүң келгениң эмне? Айтпасаң мейли, мен сенден сурабай эле койойун, - деди Гүлай томсоро.
- Мама-а.
- Жо-ок, кызым, сен менден жашырынып өлбө, экөөбүз бирге өлөбүз, кана макулсуңбу? - деди Сезимди өзүнө каратып, жүзүнө тигиле.
- Мама, мама, менин боюмда бар!
- Эмне?!
- Ооба, ошондой, мама, мен алданып калдым…
- Ошондой де… - Гүлайдын кулагы тунуп, көздөрү караңгылап отуруп калды, эмне ойлоп, эмне кылаарын билбей дабдырайт. - Кимден?..
- Мама, Руслан мени сүйөм дечү, мен ага ишенгемин, анан боюмда барын укканда менден качып кетти.
- Акмакчылык, кызым, бул акмакчылык, эл укса, атаң билсе кандай болот? - Гүлай баарына кайыл болгондой бир чекитти тиктеген бойдон сүйлөй берди. - Бул өлүмдөн да өткөн кордук, ушуну укканымча эртерээк эмнеге мен өлбөдүм экен, канткенде өз жайыбызга келээр экенбиз? - Көзүнүн жашы жүзүн жууй көкүрөгүнө та-амп жатты.
Сезим өзүнүн жаңылыштыгына өкүнүп, ата-энени укпай өз билгенин жасаганына жини келип, апасын аяп кетти.
- Мама, кечир мени, өзүң келип калганың жакшы болду, сүйлөшүп кеңешип, эс ала түштүм. Папам билбей эле койсун, Русланды мен өзүм табам, - деди өөп. - Кечирип кой мени, мама, мага таарынбачы, капаланбачы мага, мен өзүм баарын өз ордуна койом. Балким ал качкан эместир, менин чыдамсыздыгым, өзүмчүлдүгүм, эркелигим ушуга алып келди…
- Эркем, сен кандай гана татынакай кыз элең, атаң экөөбүз сени абдан жакшы көрөбүз. Айтканыңды аткарып, мектеп жашыңда машина миндиң, кой-ай дебедик, күнөө бизде, кызым…
- Мама, атама айтпа ээ? - деди Сезим Гүлайга башын жөлөп алып. - Айтпайм деп убада бересиңби, мама? - деп Гүлайга карады. Кызынын көз кычыктарындагы жашы али кургабаган көз карашы муңдуу көрүндү энеге.
- Айтпайм, кызым, кантип оозум бармак эле.
- Мен сени уят кылбайм, менин мамам, сен болбосоң сырдашаар эч кимим жок эмне кылмакмын, мынча келбесең бир акылсыз ишке бармакмын…
- Антпе, кызым, баары орду-ордуна келет, жашоодо баары болот, кыйынчылык туулат. Акыл менен жеңиш керек, каралдым, билесиңби менин Даниел экөөңөрдөн башка эч кимим жок. жалгыз иним, сиңдим бар, алардын өз үй-бүлөсү бар, апам карып калды. Силер менин өмүрүмдөгү эң кымбатымсыңар, силер болбосоңор, мен эмне кылмакмын… - Ушул учурда Гүлай Бектурду көз алдына келтирди. "Мен сенин сунушуңа көнө албайм, анткени менин эң кымбат балдарым бар. Алар менин өмүрүмдөн да кымбат, балдарымды убактылуу көңүл ачуу менен рахатка алмашпайм", - деп ойлуу телмирип отура берди.
Сайрагүл аларды көрүп, унчукпай өз иши менен алектенип аткан. Ашканага кирип тамак жасады, дасторконун жайып, чайын дайындады, анан акырын басып келди.
- Ийи, эне-бала, катуу сырдаштыңар го?
- Аа-а, апа, Сезимдин бир аз таарынычы жазылды…
- Ээ, балам, андай боло берет, эне-баланын таарынчы түккө турбаган бир нерсе да, таарынат кайра жазылат, анын эч кыйыны жок. Жүргүлө тамак ичели, келеби деп күтсөм жоксуңар, басып келдим.
- Жүрү, кызым. - Гүлай Сезимди карады.
- Кеттик, - дешип, экөө колтукташа Сайрагүлдүн артынан үйгө жөнөштү…
Буланбек ал күнү Сейилге барбады, үйдөн да чыкпады, чалкасынан түшүп кечке жатты. Эмне кылаарын билбей жан дүйнөсү жанчыла берди. "Мен туура эмес иш кылдым, баягы бактылуу үй-бүлөм кана, жалгызсырап баратам. Сейил менин бөксөмдү баары бир толтура албайт, аны эптеп төрөгүчө карап, бир жолун табышым керек", - деп ойлонуп жатты. Бир жумадай эч жакка чыкпай жатып, анан үйдөн чыгып кеткен күнү Сезим менен Гүлай келип калды. Асел аларды жаркылдай тосуп алды. Ал үйдө эле болчу, окубайт экен, ата-энесинин колунда жок болгондуктан, окуй алган эмес. Даниел сабакта.
- Кандай, кызым, жакшы турасыңарбы? - деп Гүлай келини менен өбүшүп учурашты.
- Жакшы, апа, өзүңүздөр жакшы келдиңиздерби, тайнем жакшы жатабы?
- Рахмат, кызым, жакшы жатат, сени өөп кой деген, - деп Гүлай кайра дагы өптү. - Бул апам үчүн.
- Рахмат.
- Атаң жокпу?
- Атам азыр эле чыккан.
- Ии-ий, - деп койду Гүлай. Кечинде келген Даниел Гүлайга карап:
- Атам экөөңөргө эмне болгон? - деди суроолуу.
- Эмне болуптур? - Гүлай уулун чочулай карап калды.
- Деги да, сен кеткенден бери үйдөн чыкпайт.
- Атам бүгүн кеткен, - деди Асел.
- Каякка?
- Ишине кетсе керек?
- Кетсе кеткендир, биз эмнеге урушмак элек, балам, мен апама барып келдим, ал азыр жалгыз. Сезим дагы мындан ары үйдө болот…
- Биз Асел экөөбүз баралы анда, тайнемди жалгыз койгонубуз болбойт го?
- Атаң келсе кеңешеличи, эмне дээр экен.
- Макул, сен өзүң сүйлөшүп көр, мама, - деген Даниел бөлмөсүнө кирип кетти. Сезим дагы өз бөлмөсүнө кирип, жатып алды. Гүлай тамактанчу бөлмөсүндө ойго батып отурат: "Неге биздин жашообузда мындай болуп жатат, Сезимди кантем, эгерде ал Русланын таппасачы? Же ал макул болбосочу, анда эмне болот, же алдырып салсам бекен? Анда кийинкисине жаман болсочу?" - деп үшкүрүнө башын мыкчып телмирди. Ушул эле учурда Сезимдин жаш жүрөгү күзгү саргайган жалбырактай дирилдеп: "Мен акылсызмын, ата-энем мага каалаганымды берип чоңойтту, алардын мен үчүн азаптангыдай кандай күнөөсү бар. Жо-ок, мен Руслан албайм десе үйүн табамын да, барып отуруп алам, болбосо сотко берем дейм. Кыскасы, аны өзүмө үйлөнүүгө аргасыз кылам, анан тийип алгандан кийин көргүлүктү көрсөтөм", - деп ыйлап да, кайра өзүн-өзү сооротуп да жатты.
Буланбек адегенде өзү жалгыз кафеге кирди, алдына келген тамак менен жүз граммды жутуп алып: "Демек үй-бүлөмдү гана тандашым керек, Сейилден тынчыраак кутулайын, эч кимге билгизбей бүтүрбөсөм болбойт", - деген ойго токтоло кызуу болуп, Сейилге келди. Ал Буланбекти көрүп:
- Сен кызуусуңбу, Булан? - деди кармай калып.
- Ооба, масмын, Сейил, мен ичип алдым.
- Эчтеке эмес, кирип эс ал, - деп колтуктап төшөккө жаткырды. - Кардың токпу?
- То-ок, кардым ток, болгону…
- Эмне болгону, сен бир нерсеге капалангансың го?
- Жок, капа болгонум жок, жан дүйнөм ээн, жанымда эч ким жоктой жалгызмын. Сен менин бөксөмдү толтуруп, кемигенимди бүтүндөй аласыңбы, Сейил?
- Мен толуктай алсам ушинтип келмек белең, сен бул жашоого көнө албайсың, менин сыздаган жүрөгүмө да болбойсуң. Ошондуктан өзүңдү-өзүн кыйнап жатасың, Булан, кете бер менин жашоомдон десем болбой илээшкен өзүң. Мынча болду бей нике болсо да төрөп алып, өз күнүмдү өзүм көрмөкмүн, - Сейил ыйламсырай сүйлөп жатты. - Мен сени дагы да кармабайм, сенин балаң экенин эч кимге ооз ачып айтпайм, күмөн санай бербе…
- Менин балам бей нике, атасыз өсөбү?
- Айла жок, бир балаң аталуу, бир балаң нокотек болуп өсүш үчүн жаралган тура, андай болбосун деген менен колубуздан эч нерсе келбейт, сен ушуну билип кой! - деди Сейил кайраттуу. - Мен ага жаман сөз угузбаганга аракет кылам, эне болгондон кийин мен коргоп алууга тийишмин.
- Сейил.
- Жо-ок, сен сүйлөбө, Булан, бүгүн бул үйгө акыркы жолу келгениң болсун. Мен сага убада берем, сени көрсөм да карабаганга аракет кылам, балага жардам берем деп убара да болбо!
- Сен… сен мени кубалайсыңбы?
- Кубалабайм, жөн гана кетишиңди каалайм, мага деле оңой эмес, күнү-түнү ойлонуп азаптанып жатам. Сен аны билмек белең, жалгыз өзүңдүн, үй-бүлөңдүн айласын ойлоп жүрөсүң, ушундайда экөөбүз арабызды ачып алганыбыз оң.
- Мейли-и, сен туура айтып жатасың, сага оор экенин мен да билем, бирок эмне кыла алам айтчы, колумдан эмне келет?
- Билем.
- Бир суранычым бар.
- Айта бер.
- Балама жардам бергениме каршы болбо.
- Көрөөрмүн, бирок анын сени билбей койгону дурус.
- Жок, андай болушу мүмкүн эмес.
- Болбойт.
- Түшүн мага, Сейил.
- Ойлонушум керек.
- Өх, эс алайынчы, сен дагы мени чарчаттың, уктап алайынчы, - деп ары карап жатып алды. Сейил унчукпай отуруп калды, ал азыр Буланбекти жек көрүп турат. Жүрөгү ооруп, көз жашы жүзүнөн ылдый куюлуп, молодой катып отура берди, уктап алуу оюна да келбеди. Ал үчүн түнбү-күнбү мааниси жок, эмне ойлонуп, эмне койгону эсинде жок, өмүр бою дал ушинтип катып калгандай кыймылдабады. Таң атып кеткенин да билбеди, бир кезде Буланбек өйдө болуп отурду.
- Ой, сен уктаган жоксуңбу?
- Уйкум келбеди.
- Ошонуң кантип болсун, түнү бою ушинтип отурдуңбу анан?
- Эмне кылышым керек?
- Жатып эс алып ал, мен чай-пай кайнатып берейин.
- Жок, сен бара бер.
- Эмнеге? - Чочулай карады.
- Кет деп жатам, бир мүнөт да токтобо!
- Сейил…
- Мен айттым, демек кет! - деп Сейил аны акырая караганда Буланбек үндөбөй туруп, босогого жетти.
- Ушуну менен бүттүбү?
- Бүткөнү ушул.
- Мейли, кош бол, - деди да, чыгып кетти.
Ал кеткенден кийин Сейил чөк түшүп алып ботодой боздоп ыйлады. Көпкө ыйлады. Анын үнүн уккан да адам болбоду, сүйөп тургузаар, сооротуп жакшы сөз айтаар адамы жок, жүрөгү жанчылды. Бозоргон боз талаада чөл кезип келе жаткан тайлак сымал боздоду. Алдынан суу көрүнбөй акактаган иттей болду, көңүлү чөгүп, бир тирүү караанды көргөнгө зар болуп, какыраган сайда жүргөнсүдү бечара. Чиркин, жашоонун бирде кызыгы, бирде суугу болбой өмүр өтпөйт эмеспи? Анын сыңарындай Сейилдин азыр боздогонун эч ким укпай көптө барып соолуктап басылды да, өйдө болду. Бетин жууп, газга чай коюп, өзүнө келди. Анан өзүнчө ойлонуп, базарга чыгайын деген чечимге келди. Буланбек өткөндө үй алганда калган акчасын алган эмес, ошого Дордойдон товар алмай болду. Ошентип ал тагдырдын салганына көнүүгө өзүн даярдап, эч нерсени ойлобогонго аракеттенип, баштаган ишине баш-оту менен киришти…
Буланбек азандан үйүнө келди, Гүлай уктап жаткан. Акырын барып, анын жанына жатып калды. Качан гана күн тийгенде ойгонуп, күйөөсүнүн үйгө келгенин билген Гүлай ордунан турду. Күндөгүсүндөй эле үй жумушун жасап, тамак-ашын даярдап койду да, бөлмөсүнө кирип күйөөсүн ойготту:
- Булан, турбайсыңбы?
- Мм, бир аз тим койчу, башым ооруп жатат.
- Эмне, ичтиң беле?
- Ооба.
- Бирдеме ичесиңби анда?
- Болсо жакшы болмок.
- Тур, мен сага алып берем.
- Ыраспы? - деп башын көтөргөн Буланбек Гүлайды өзүнө тартып кучактап алды. - Баш жазасыңбы? - деп өөп, жүдөтүп көпкө уйпалады. - Мен сени сагынып кеттим, Гүлай.
- Мен дагы, биз баягыдай боло албайбызбы дедим эле.
- Эмнеге, баягыдай элебиз, алтыным, бир аз иштер алагды кылып жатпадыбы. - Кучагынан чыгарбай кулагына шыбырады. - Сүйөсүңбү мени?
- Ооба.
- Алтыным, жаным менин.
- Тур, тамак муздап калбасын.
- Мына турам, сен менин башымды жазбасаң болбойт, жаным, кечээ көп ичип коюптурмун, - деп Буланбек кийине баштады.
Гүлай тамагын үстөл үстүнө коюп даярдап, анан бир бөтөлкө арак алып келди. Аңгыча Буланбек ваннадан чыкты.
- Оо, баары даяр го, байбиче?
- Даяр, - Күлө жооп кылды Гүлай.
- Кана, тамакка карабасак болбой калды, курсак курулдап кетти, - деп тамактана баштады.
- Мындан куяйынбы?
- Куй, атасынын көрү, зыңгырап ооруп жаткан башты басып алайын.
- Көп ичип алгансың го? - деп Гүлай арактан стаканга куюп, алдына койду. - Эмнеге ичтиң?
- Достор менен, көп болуп кетти, - деп жооп тапканына кубана аялын карады. Тунжурай кашыгын айлантып отуруп, көз алдына Сейилди келтирди. "Анын айтканы дурус болчудай, эми андан кабар албай өз ишимди башташым керек, Сезим дагы бой жетти", - деп ойлонуп кийинки стаканды дагы бошотту.
- Балдар тура электе алып койойун эми, - деди Гүлай.
- Болду мага, ала бер, баса, Гүлай, сен эмнеге жумушуңдан чыгып алдың, эсептештиң беле?
- Жок, эртең барып эсептешем.
- Иштей берсең болбойт беле?
- Койо турчу, бир аз эс алып алайын, - деген Гүлай уккусу келбей идиш-аягын жыйыштырып, ашканасына жөнөдү.
- Өзүң бил, анда көлгө барып эс алып келбейлиби?
- Качан?
- Путевка ала койобуз.
- Макул анда. - Гүлай кубанып турганда Даниел менен Асел бөлмөсүнөн чыкты. Алар ата-энеси менен учураша ваннага киришти.
- Эртең мен путевканы даярдайын, сен кийим-кечелерди даяр кыл, макулбу?
- Ма-акул, - деп Гүлай ашканага кирди. Буланбек иштеринен кабар алып эсептешти да, бир айдан кийин кайра келээрин айтып, путевка алганы кетти. Ал үч путевка алып, бирин Сейилге алып барды.
- Эмнеге келдиң? - деди аны көрөөрү менен Сейил.
- Сейил, сүйлөшчү сөз бар, мен сага Ысык-Көлгө путевка алып келдим.
- Эч жакка барбайм!
- Эмнеге?
- Жөн эле, менден алыс болчу.
- Жок, ушул жолу эс алып келесиң, - деп Буланбек аны бекем кучактап өптү. - Бул жолу мени угасың, андан кийин өзүң бил.
Андан кийин экөө сүйлөшүштү, Буланбек ага өзүнүн оюн айтканда Сейил аргасыз макул экенин билдире башын ийкеди.
Буланбек менен Гүлай өздөрүнүн машинасы менен жолдо кетип баратат. Алардын артындагы такси улам алдыга өтүп, бир артта калып, Бостериге жеткенче караан үзбөй келди. Качан жетээр жерине жеткенде Буланбектер орун алып, бөлмөлөрүнө жайгашкандан кийин Сейил кирип, алардын ары жагынан бөлмө алды. Кызыгы Буланбек Гүлайды уктатып коюп, Сейилге барат да, аны менен түнкү эс алууга чыгат. Он беш күндүк эс алууда алар абдан жакшы эс алышты. Сейилге кыйын болду, ар убак кечки тамакты Буланбек менен Гүлай чыгып кеткенден кийин ичет, башка убактарда ага Буланбек өзү эртелеп киргизип берип койот. Ошол күнү Сейил Гүлайларды алыстан карап, залдын бир четинде отурган. Экөөнүн теннис ойноп жатканын көрүп, ичи тарыды. Ызаланып көзүнө жаш айланды, ордунан туруп бөлмөсүнө келди да, убактысынан мурун кетмек болду. Кийимин көтөрүп чыгып келе жатканда Буланбек менен Гүлай алдынан чыга калганда селт этип чочуп кетти.
- Сейил, сен кайдан жүрөсүң? - Гүлай көрүп эле ага жакындады. - Качан келдиң эле?
- Келгениме көп болду, кетип жатам, - деп жер карады Сейил. Анын чоңоюп калган ичин көргөн Гүлай:
- Турмушка чыктың беле, эмнеге эч кимге айтпай жүрөсүң? - деп анын ийинине колун койду. - Сергил болсо телефон чалып бизден сурайт, же сенин дайының жок.
- Жеңе…
- Сейил, ачык айтып койсоң болмок, ишиңден дагы чыгып кетипсиң, - деп жаман ою жок сүйлөй берди Гүлай.
- Эч кимге айткым келбейт, мени менен иши болбосунчу, - деп көзүн ала качып күңкүлдөгөн Сейил басып кетээрде Гүлай аны кармай калды.
- Мунуң болбойт, балалуу да болгону калыпсың.
- Койо бериңиз! - деп булкуна басып кетти.
Гүлай күйөөсүн карады, ал эч нерсе билбегендей ийинин куушуруп койду.
- Кызык, бул эмнеге минтет, күйөөсү бар болду бекен?
- Аны эмне кыласың, болсо болгондур, кеттик жүрү, - Буланбек аялын колтуктан алды. - Өз билгенин кылсынчы.
- Ошондо да кыйын болгон экен, бир туугандарынан качып жүрсө, энеси бул үчүн сары санаа болуп, кыздарынан сурап тапсаңар боло дей берет экен, - деп Гүлай ойлуу кетип баратты.
- Өзү айтпаса эмне кыл дейсиң, жашыруун жашап жүргөндүр…
- Кызык, - деп алып, бөлмөлөрүнө киришти. Гүлай: "Боюна болуп калганы үчүн эжесине барган эмес экен, ошол күнү Булан жеткирип жумушум чыгып калды деп кеч келген", - деп ошондон беркини ойлой берип күйөөсүнөн күмөн санап кетти. Бул кезде Буланбек дагы өзүнчө санаага батты: "Эмнеге кетип калды, Гүлай экөөбүздү кызганган окшойт, баарын өзүм төлөп жаткандан кийин жүрө берсе болмок". Гүлай Сейилдин аты-жөнүн сурап билмек болду. Эртеси башым ооруп жатат деп бөлмөдө калып калды да, Буланбек кеткенден кийин сурап билүү үчүн атайын пансионаттын директоруна барды. Ал Сейилдин документин текшерип көрүп:
- Ал келиндин келгенине бир ай болгон, мен жакшы тааныйм, - деп күлүмсүрөй карады.
- Путевкасын көрсөм болобу?
- Жо-ок, биз путевкаларды тапшырып турабыз, канча адам келип, эс алып кеткенин шеф өзү тактап турат, - деп калп айта салды. Гүлай аргасыз артка кайтты. Анткени Буланбек аны келгенде эле дайындап сүйлөшүп, жең ичинен кылтыйтмасын узатып койгон эле. Башы катып отурганда Буланбек келди.
- Баш жакшыбы?
- Бир аз.
- Дары ичтиңби?
- Ооба.
- Жүрү көл жээгине.
- Жок, өзүң бара берчи, кечинде чыгам.
- Болуптур анда, - Буланбек чыгып кетти, экөө ошондон кийин кайра салкын тартып калышты. Буланбек туура эмес иш кылганын эми түшүнүп өкүндү. Гүлай андан күмөнсүй баштады. "Демек бул экөөндө бир сыр бар, демек Булан муну карап багып жүрөт, артынан ээрчишим керек, сөзсүз билишим керек", - деген чечимге келип, өзүн колго ала кайрадан жаркылдап, эс алып жүрө берди. Убакыттары бүтүп кайра үйүнө келген алар машинадан түшүп жатканда алардын эшигине бир машина токтоду. Гүлайдын жүрөгү болк этип алды, бул Бектур болчу. Үчөө тең машинадан түшүп, беттешип калышты.
- Саламатсыңбы, Гүлай? - деп Бектур басып келип учурашты.
- Саламатчылык, сиз кайдан? - Эч нерсе билбегендей суроо узатты Гүлай.
Буланбек ары басып, дарбазаны ачып жаткан.
- Эмнеге жумуштан чыгып кеттиң?
- Чарчадым.
- Менденби?
- Балким.
- Жумушка качан чыгасың?
- Биротоло чыктым, айтышкан жокпу?
- Жок, сенин калган акчаларың бар эмеспи, эсептешишиң керек, жетпегендериң бар, ооруканага келген укол-дарылар, дагы көп нерсе жетпейт, эсептеш, - деген Бектур машинасына отуруп, жөнөп кетти. Гүлай селейип бир азга турду да, үйүнө кирди. Буланбек Бектурду тааныган.
- Эмне болду? - деди ал жөн гана.
- Эсептеш дейт.
- Туура, эсептешиш керек да, сен старший болгон соң баарын тактап, анан чыгышың керек эле…
- Эртең барбасам болбойт, болбогон нерселерди моюнума илип коюшу мүмкүн, - деди Гүлай ойлуу.
- Өзүңдө тизмелери болсо эмнеге илет, кайда кеткени дайын да?
- Ооба.
- Анда эмнеге коркосуң, же жанагы бухгалтериң сени жумуштан кетиргиси келбей жатабы?
- Эмнеге, анын эмне иши бар экен? - деген менен Гүлай да ошентип ойлонуп жаткан.
- Кандай эс алып келдиңер, ата, апа? - деп Даниел чыга калды.
- Жакшы, уулум, өзүңөр тынч жатасыңарбы?
- Жакшы эле, Сезим эки күндөн бери келбейт.
- Апамдыкына барып жаткандыр, - деп айта салды Гүлай, ичинен камтама болуп калды. Буланбек кебелген жок. Гүлай эртеси жумушуна барды, ырас эле кымбат укол-дарылар менен гумпомощко келген укол-дарылардын көбү чыгыш болбоптур. Гүлай өзүнүн кагаздарын алып чыгып, оорулууларга кеткендерди тактаган менен жыйынтык чыкпады. Мойнуна бир топ акча илинди. Ошентип ал иштен чыгалбай калды. Бул атайылап Бектурдун чыгарганы болчу.
Ооруканадан чыгып, Сезимдин окуган жерине барды, бир аз күтүп Сезимге жолугуп, экөө сүйлөшүп отурду. Сезим Русландын кайда экенин билип, ата-энесин дагы сүрүштүрүп койгон. Русландын атасы жок, апасы бар, бир кызы экөө жалгыз жашашат экен. Руслан болсо эптеп жумуш иштеп, аларды багып турганын билди. Сезим экөө ээрчишип анын иштеген жерин таап келишти. Гүлай машинада экөөнүн сүйлөшкөнүн карап отура берди.
- Руслан, менин ата-энем билсе сен да, мен да соо калбайбыз. Бирок сенин бул кылыгың үчүн өзүмдү өлтүрүү акылсыздык деп ойлойм, - деди Сезим Русланга.
- Сезим, мен сенин теңиң эмесмин, жалгыз апам менен карындашымдан бөлөк эч кимим жок, - деп башын жерге салды Руслан.
- Сен мени сүйөсүңбү?
- Сүйгөнүн сүйөм, баары бир кабыл албайсыңар да.
- Мен сени сүйөм, Руслан, үйлөнөсүңбү-жокпу?
- Кантип үйлөнөм, айлыгым эч нерсеге жетпесе.
- Сен макул болсоң болду, мен ата-энеме айтып түшүндүрөм, сен кабатыр болбо, Руслан.
- Ишенбейм, сен бала үчүн, өз абийириңди жабыш үчүн жасап жатасың го баарын, - деген Руслан ага тике карады. - Эгер чын сүйсөң мен каршы болбойм, үйлөнүүгө макулмун.
- Чынбы, Руслан, мен сени сүйөм! - деп Сезим анын мойнуна асыла кетти. - Анда эртең түштөн кийин ата-энем менен таанышууга барышың керек.
- Сөзсүз барам, Сезим, алар мени кабыл албай койсочу?
- Кабыл алат, мен сени университеттен чыккандан кийин саат экиде күтөм, барып калгын, макулбу?
- Сөзсүз барам.
- Ишенем, - деген Сезим коштошуп келип, машинаны ордунан жылдырды.
- Үйлөнө турган болдубу?
- Ооба, мама, анын атасы жок, бир карындашы менен апасы бар, начар турушат экен, ошого уялып качып жатыптыр.
- Атаң эмне дээр экен?
- Ошону ойлоп жатам.
- Эптеп көндүрөбүз, - деген Гүлай үй-бүлөсүн, өзүн ойлонуп отуруп, үйүнө кантип жетип келгенин байкабай калды.
Келсе Буланбек жок, аны күтүп тынчы кетти. Өзүнүн машакаты аз келгенсип кызынын түйшүгүн тартканы, күйөөсүнүн табышмактуу жүрүшү кыжаалат кылды. Күүгүм кирип кетсе да Буланбектен кабар жок. Уул-келини менен кызы болуп тамактанып бүтүп калган кезде ал эшиктен кирди.
- Эмне мынча кеч? - деди Гүлай ага кабак чытый.
- Качантан бери тескеп калгансың?
- Тескегенге барабар болсо койдум, - деп Гүлай уул-келининен тартына унчукпай калды, анан баарын карап кубанычтуу кабар айтчудай тамагын жасады. - Эртең Сезимдин жигити келип, биз менен таанышат.
- Эмне-е?! - Буланбек аялын олурая карады.
- Ошол, биз менен таанышам дептир, каршы болмок белек?
- Кандай-кандай, каякта жашайт, кайсы окууда окуйт? - Буланбек Сезимди карады. - Кимдин баласы?
- Папа, анын атасы жок, апасы менен карындашы бар. - Жер карап жооп берди Сезим.
- Кереги жок, күйөөнү сага өзүм табам, - деп Буланбектин жини келип кетти. - Аның сени бактылуу кыла албайт.
- Мен аны сүйөм, таанышкыңар келбесе качып кетем! - Сезим туруп бөлмөсүнө жүгүрүп кирип кетти.
- Эмне деп жатасың, жалгыз кызыңды капалантпай көрүп эле койбойсуңбу? - деди Гүлай күйөөсүнө. - Өзү каалаганды сен жактырбасаң кызыңды таарынтып аласың.
- Таарына берсин, менин канча кызым бар эле, бир кызымды жакшы жерге барса дейм, куда күтсөң да жакшы жерден күткөнүң жакшы го? - деп айтканда Даниел менен Асел бири-бирин карап туруп кетишти. Аселдин көңүлү ооруп калды, бирок унчукпады. Даниел анын көңүлүн уламак болуп, бөлмөсүнө келип эле кучактап алды.
- Аселя, сен капа болгон жоксуңбу?
- Эмнеге? - Асел билмексен болду.
- Папамдын сөзүнө.
- Эчтеке эмес, чындыгы ошол го, сенин кайнатаң дагы атама тең болбой калды, жакшы жерден куда күтүүнү ким ойлобосун…
- Ким айтты кайнатамды жаман деп, ак көңүл, ичинде кири жок, алтын кайнатам бар да, а сен кайнатамдын кызы болгонуң үчүн сүйгөмүн.
- Чын элеби? - Асел жадырай карады.
- Чып-пачын!
- Атам чынында тоотпойт, болбосо чакырып коюшпайт беле?
- Койчу эми, таарынбачы, жаным, Сезим күйөөгө тийгенче чакырат.
- Сен кайдан билесиң?
- Айтам.
- Алар өздөрүнчө жинденип жатат, сен дагы өз билгениңди кылып мага үйлөндүң. Сезим дагы сүйгөнүнөн кайтпай туруп алса кыйын эле болоор. - Экөө ошентип сүйлөшүп жатышты.
Буланбектин ачуусу келип:
- Балаң дагы өзүм сүйөм деп жатып жайсыз жерге кабылды, эми кызың күйө-өм, сүйө-өм деп калыптыр. Бир жайлуу, жакшы жерден буйруган эмеспи бизге, ысыгыраак чай ичише турган адамга жолукпай манжапис кишилер менен отурат экенмин го? - деп күпүлдөп жатты.
- Булан, сен экөөбүз деле үйлөнгөндө кандай элек, атамдар жардам берди. Балдар жаш, өз жашоосуна кам көрүшөт, биз жардам беребиз, анчалык ачууланба. Сезимдин көңүлүн калтырба, эртең анын жигитин көрүп сүйлөшүп көрөлү.
- Макул, даярдык көрө бер, мен келип калам.
- Ошентсең, атасы, бала тың, жакшы болсо болду.
- Мейли-мейли, өздөрү билсин, мен өзүм билип берсемби дедим эле, эми болбой калды, - деп оор күрсүнүп отуруп калды.
- Биз бактылуу болушун каалайбыз да, атасы, - деген Гүлай өзүнчө ойго батты: "Мындай болоорун билсек кана-а, баланын көңүлүнө карабай койсок өлөм-житем десе. Кызыңдын ичиндегиси абийирибизди төксө кантебиз, айла жок, Була-ан, аргабыз жок. Жинди болсо да оюна коюп, билгизбей жабышым керек болуп жатканын сен билсең го", - деп унчукпай калды. Буланбек Сейилди ойлоп зорго жүрдү, ал барса киргизбей коюп, артына кайтууга туура келет. Гүлай болсо аны артынан акмаламак тургай кызын бир, өзүн бир ойлоп убактысы болбоду. Эртеси Гүлай дасторконун жайнатып, тамагын жасап күтүп жатты. Даниел менен Асел, Буланбек болуп күтүп отурушкан, машинанын үнүн угуп, Даниел чыга калды. Кол кармаша келе жаткан Руслан менен Сезимди көрүп, эшигин ачып:
- Келгиле, - дегенде Сезим анын кулагына шыбырай койду.
- Саламатсызбы? - деп Руслан Даниел менен кол алышып учурашып калганда Даниел аларды ичкери баштап кирди.
- Ма-ама, па-апа, биз келдик, - деген Сезим ата-энесин өөп учурашты да: - Бул папам, бул мамам, - деп Русланды көргөздү. - А бул Руслан.
- Жакшы-жакшы, кел отургула, - деп Буланбек айтканда баары үстөлгө отурушту. - Кана, нандан алгыла.
- Рахмат, - деп Руслан тартына нандан ооз тийди. Бир аздан кийин тамак тартылып, унчукпай отуруп тамактанышты. Сезим улам ата-энесин, Русланды карап койот. Тамактанып бүткөндөн кийин Буланбек сөз баштады.
- Кай жерлик болосуң, Руслан?
- Чоң-Арыктан.
- Үй-бүлөң жөнүндө айтып бер…
- Атам өлүм калган, карындашым менен апам бар.
- Окуйсуңбу?
- Иштейм.
- Апаңды багыш оор чыгаар?
- Анчалык эмес.
- Сезимди канчадан бери билесиң?
- Бир жылдан бери.
- Үйлөнөйүн дейсиңби?
- Азырынча шарт жок.
- Русла-ан, жакында үйлөнөбүз дебедиң беле? - деп Сезим чыйпылыктап ийгенде Буланбек кызын тыйды.
- Сен жөн отур!
- Кантип? - деп Сезимдин жүзү кызара Русланды карап, ыйлагысы келип кеткенин көргөн Гүлай ортого түшө калды.
- Сен эмне деп жатасың, азыр үйлөнгөнгө шарт жок деп жатса эмнеге кийлигишесиң?
- Папа-а… ал үйлөнөбүз деген…
- Русланды сен эмнеге шаштырышың керек, кызым, биз байкап көрөлү, сени кандай кылып багат, үйлөнө алабы, ошону билиш керек.
- Мен барайын, - деп Руслан ордунан турду.
- Отур! - Жини келди Буланбектин.
- Ата, биз сүйлөшүшүбүз керек, - деп Сезим Русланды колдон алып сыртка жетелеп чыгып, кайдадыр машинесин айдап кетти.
- Сен эмнеге шартым жок дейсиң, мен эмне ата-энемдин үйүндө төрөшүм керекпи?
- Сезим, чынында менин шартым жок. - Башын жерге сала жооп берди Руслан. - Апам карыган, пенсиясы эчтекеге жетпейт, сен мени түшүнчү.
- Мен азыр эч нерсеге түшүнбөйм, менин боюмда бар экенин билесиң, шылдың болушумду каалайсыңбы? - Сезим ээн талаага барып, машинасын токтотту. - Азыр мени үйүңө алып барасың, окуумду таштап, сени менен калам! - деп ыйлап кирди.
- Сезим, апам эмне дейт, ал туура көрбөйт го?
- Туура көрбөсө анда сени милицияга берем!
- Эмне-е? - Руслан аны тикирейе тиктеди. - Билесиңби, ал макул болбойт.
- Эмнеге, эмнеге кабыл албайт, сенин бул кылганың атайын мени шылдыңдап басып кетиште беле ыя, неге менин убалымды ойлобойсуң?
- Сезим…
- Укпайм эч нерсеңди, азыр экөөбүз тең өлөбүз, мен сени таштап коюп, өзүм өлүп калгым келбейт! - деп машинаны катуу айдап, тоо тарапты көздөй жөнөдү.
- Сезим, токто дейм, акырын айда!
- Жок, сен мени үйүңө алып барасың же экөөбүз тең өлөбүз.
- Жок-жок, акырын айда, Сезим, болуптур анда үйгө айда, кеттик, - деп Руслан анын колун кармады. - Акырын эми, этият бол, үйгө кеттик.
- Чын айтасыңбы же шылдыңыңбы?
- Чын айтам, азыр эле алып барып, жоолук салдырам, бирок сенин ата-энең каршы болчудай. Ошондуктан кеңешип иш кылсак болот эле, жайлатып айдачы, бай болгур? - деп ээн талаадагы түздө чимирилтип тегеретип кирген Сезимди койдура албай убараланды.
- Сен чыныңды айтпасаң, тээ тигил дөбөнү көрдүңбү, азыр түз айдап барып, дал ошол жерден ары түшөбүз.
- Кой, Сезим, ата-энеңдер каршы болбосо эле мен сага дароо үйлөнөм, - деп Руслан аны кучактап калды. Аялзатынын кең пейилдүүлүгү, мээрмандыгы ашып-ташкан, куулугу, амалкөйлүгү, кесиптүүлүгү да башынан ашкан аял эмеспи. Сезим ылдамдыкты азайтып, жайлата айдап чоң жолго чыкты.
- Ата-энем менин айтканымдан чыкпайт, - деди ал Русланды карай. - Эми кыйшыңдай турган болсоң анда мен башкача иш кылам, - деп аны көз кыйыгы менен карап коюп машинанын жүрүшүн басаңдатты.
- Апама барып эмне деп айтам? - деди Руслан айласы кетип.
- Эмне, мен үйлөнүшүм керекпи, сен мени менен жатканда мага эмне дедиң эле ошону айт. Мени орто жолго таштамак экенсиң да, мен өзүм эле барып, сенин үйүңдө калам! - деди жини келген Сезим кайрадан газды басып.
- Болуптур эми, акырын айда машинаны сүзүп аласың, этият бол, - деп шашып калды Руслан.
Чоң-Арыкты көздөй бурулган кызыл машина зымырап кетип баратты. Үйүнө жакындаганда Руслан Сезимди карады.
- Сен ушундай токтоп тур, мен апама түшүндүрүп, анан кайра келип сени алып кетем.
- Жо-ок, чогуу барабыз, сени качырып ийип, мен ата-энеме шылдың боло албайм, - деген Сезим туура эшигинин алдына айдады. Русландын апам дегени карыган кемпир, ал чоң энеси болчу, ата-энеси жашында өлүп калып, эки небересин карап жүргөн эле. Өзү катаал, бир айтканынан кайтпаган кемпир. Руслан унчукпай отуруп калганда Сезим аны түрттү. - Түшпөйсүңбү?
- Коркуп жатам.
- Эмнеге?
- Апам аябай каардуу, эгерде менин жаман иш кылганымды билсе сабагандан кайра тартпайт.
- Ошондон коркуп, мени орто жолго таштамаксыңбы?
- Жок-жок… - деп үйдөн чыгып келе жаткан апасын карады да, - Корком, Сезим, эми эмне деп айтам? - деп эңкейе жүзүн катты.
- Баары бир ачыкка чыгышыбыз керек, мен биерге сени менен мышык-чычкан ойнош үчүн келгеним жок, - деп жатканда Айсулуу машинанын айнегине келди.
- Ким керек, кызым? - дегенде Руслан түшө калды, аны көргөн Айсулуу уулун ормойо карады.
- Ой, сенсиңби?
- Ооба, апа, жүрү сүйлөшөбүз, - деп Руслан аны ары көздөй жетелеп кетти. Сезим күтүп калды. Ал айтканынан кайтмак эмес, эгерде Руслан аны кетирүүгө аракет кылса баары бир ал жерде калмак.
Эне небересин бүшүркөй карап:
- Бу сен соо эмессиң, эмне болуп кетти ачык айтчы, балам? - деди үрпөйө. - Тынччылыкпы деги?
- Апа, мен келин алып келдим…
- Эмне дейт?!
- Апа, ошондой болуп калды, болбосо каматып ийет. - Руслан жер карады.
- Эмнеге, ботом? - деп Айсулуу ойлоно калды да, Русланды бооруна кысып чекесинен өптү. - Каралдым, сен чоңойгон экенсиң да, кечээтен айтып койбойт белең. Коңшу-колоңду чакырып боорсок-соорсок жасап, камынып койбойт беле-ем. Азыр, жарыгым, мен үйдөн чачыла алып чыгайын, - деп үйгө шашып кирип кеткенде Руслан сүйүнө Сезимге келди.
- Сүйүнчү Сезим, апам макул болду, алтургай кубанып кетти!
- Ыраспы, Руслан, сен жөн эле корккон экенсиң да?
- Ооба, мурдараак айтсаң болмок дейт, - деп өзү да кубанычтуу карап турганда Айсулуу колуна табак көтөрүп, бир колуна аппак чачыктуу жоолукту алып жетип келди.
- Кана келин, алып чыкпайсыңбы? - деди кайраттуу карап.
- Мына, апа, - деп шашып Сезимди колтуктай түшүргөндө аяк-бияктан аялдар келип калды. Алар машинаны көрүп басып келишкен эле.
- Келгениңер жакшы болду, чачыланы чачкыла, мен өзүм жоолукту салайын, - деди жашыраак келинге табакты берип. Айсулуу абдан бекем аял, ал келип Сезимди бетинен өөп, жоолукту салды. Үстүнө чачыла чачып, анан эки аял келинди үйгө киргизди. Кемпир шашкалактай сандыгын ачып, тээ илгери келин алгандагы көшөгөнү алып чыгып: "Бул ата-энеңдин көшөгөсү эле, жыйырма жыл бою катып жүрдүм, ылайым жакшылык-ийгилик алып келсин", - деп көтөрүп келди. - Мына муну тарта койгула, айланайындар! - деп калдастаган карыны көрүп, Сезимдин ичи жылып, кубанычы койнуна батпай сүйүнүчтөн көздөрү жашка толуп чыкты. Ошентип Сезим иги-жиги билинбес үчүн өзүнүн бетке чабаарлыгы менен жеңип, келин болуп отуруп калды…
Буланбек менен Гүлай Сезимди ойлоп, кечке тынчы кетти, анын кайрылып келбегени аларды ого бетер санаага салды. Ошондо Буланбек Гүлайга бакырды:
- Сен жаман көндүрдүң, эмнеге тааныштырам десе макул болосуң, каршы болуп койсоң коркуп сүйөм дегенин койот эле го?
- Сен да менин ордумда болсоң ошентмексиң, анткени балаңды жаман абалга таштагың келмек эмес.
- Койсоңчу, кыз бала энени угат, кандай сен кызыңды тарбиялай албайсың, ою менен болгонуң ушуга алып келди.
- Сенчи, сен эркелеткен жоксуңбу, алдына машина алып берип, айтканы менен болгонуң калппы?
- Мен күйөөгө тийем дегенине каршы болмокмун.
- Булан, сен эч нерсени түшүнбөйсүң, менде дагы башка арга калган жок, - деп Гүлай башка сөз айтпай отуруп алды.
Ошол түнү уйку көрбөй отуруп чыгышты. Эртеси түш ченде алардын үйүнө бир жигит келди, анын жанында дагы экөө бар болчу.
- Ассалоом алейкум, Буланбек деген сизби?
- Ооба, эмне жумуш? - Буланбек ага керсейе карады, артынан чыккан Гүлай да карап турган.
- Кулдугубуз бар, куда болуп калдык, кызыңар бизге келин болуп барган, ачуу басарды кабыл алыңыздар!
- Кимге, кайда барды? - Ачуусу келе аны уруп ийчүдөй абалга келди. - Эмне деп жатасыңар?
- Кыз менен бала сүйлөшүп жүргөн экен, мына муну окусаңыздар түшүнөсүздөр, - деп бир барак кагазды сунду эле, шарт жулуп алып окуп кирди. "Ата, апа, мени кечиргиле, мен өзүм каалаган адамга турмушка чыктым. Ооба, силердин айтканыңардай бизге туура келбейт, бирок мен бул жолдон кайтпайм, мага ак батаңарды бергиле! Барган адамдарды сыйлап жөнөткүлө, кызыңар Сезим", - деп дарегин жазып коюптур. Буланбек эси оой катты Гүлайга берди, ал окуп күйөөсүн карады, анан экөө тең жарыша:
- Кириңиздер! - дешти…
Айсулуу катып жүргөн акчасын жумшады, ачуу басаарга эки миң сом менен бир кой жөнөткөн. Буланбек барбайм деп ачууланып жатты. Гүлай анын ары жак, бери жагынан чыгып жатып, эптеп көндүрдү. Айылдан Сыйданы жана Иманды аялы менен чакыртып алышты. Ошондо Азиза төрөйүн деп калган. Сыйда Ботобекти бар десе болбой койду. Ошентип алар кыз кубалап барды. Айсулуу жалгыз уулунун балдары экенин ачык айтты аларга. Сыйда, Сайрагүл менен Гүлайдын иниси Кубат, Иман менен Азиза, Даниел менен Асел келишкен эле. Алар кемпирдин алсыздыгына карабай небересинин үйлөнүү той өткөрүүсүнө каршы эмес экенин билдиргенде ыраазы болушту. Анткени Буланбек алардан атайын айттырып ийген эле. Русланды көргөн Иман: "Бул баланын келечегинде абдан чоң бурулуш бар экен, буга эч качан жаман айтып кемсинтүүгө болбойт", - деп ойлонуп алды. Ал тургай Сезимдин дал өзүнө окшош маңдай чачы аппак уул төрөөрүн дагы билди. Айсулуу келген кудаларды сыйлап, кадимкидей кийит-кече кийгизип, алдына алынча акча койду. Ырым-жырымын жасап, кешикти салып жөнөттү. Үй-жайы бир аз эскиргени менен Айсулуунун уздугу, үй ичинин жасалгасы менен кооздогон кол иштери көргөндөрдү кайдыгер калтырган жок. Сезим да карыны сыйлап, илбериңки жакшы келин болду. Буланбек кызынын жаңылыштыгын билген жок, тек өзү каалап, бечарага чыгып алганына нааразы болуп жүргөн. Иман агасына өздөрүнчө сүйлөшүп турганда минтти:
- Аке, сен капа болбо, Руслан жакшы адам болот, бир кезде даражасы бийик болоорунан шегим жок, Сезим туура тандаган.
- Аны кайдан билесиң, сүрөөсү болбосо, кайдагы бир жетимге тийип алып, ыйлап жүрбөсө экен дегеним да. - Буланбек Имандын сөзүн уккусу келбей чыйт түкүрдү.
- Кызыңдын бактысы абдан чоң, аке, ага нааразы болбо.
- Макул, иним, сени менен мелдешке чыга аламбы, эми силер үйлөнүү тою болгуча кетпегиле.
- Макул, үйдө атам эле калган, эмне болоор экен?
- Тездетишибиз керек.
- Ошондо кудагыйыңды кыйнап албайсыңбы?
- Эмнеге, бир кызым болсо үлпөт той бербей күйөөгө чыкмак беле? - Инисин оромойо карады.
- Ашыкча жүктү эмне кыласың, аке, жетимдерди багып чоңойткон жалгыз кемпир экен, кыйнабай эле коюңуз…
- Сен эмне деп жатасың, достор, иштешкендер эмне дешет? Жалгыз кызымдын үлпөт тоюн сөзсүз өткөрүшүм керек, - деп моюн толгоп койду эле, Иман үндөбөй калды, бирок эртеси эле алар жолго чыгып, Сыйда калып калды. Азизанын төрөөрүнө аз калгандыктан, кетүүгө туура келген. Айылга келген эле күнү жолдон кыйналгангабы ичим деп жатып калды. Төрөөрүн билген Азиза Иманды тоодон союш алып келгенге жөнөтүп жиберди. Ал төрөгөндө жалгыз болгусу келгенин ал дагы билет. Түн ортосу, терезеден түшкөн айдын жарыгы үй ичин бүлбүл жарык кылып тымтырс. Азиза төшөгүндө жыландай ийрилип жатты, толгоосу күчөгөн сайын ийрилип кайра жазылып жатып, баланын түшкөнүн билгенде негедир үй ичи жарык болуп кетти. Эңкейип караса аппак жыландын денеси, баланын башы, маңдай чачынын тал-талы саргыч тартып жылт-жылт этет. Азиза эңиле берип, денеси жыланга окшош, башы баланыкындай наристени бооруна кысып, чекесинен өптү. "Эх жараткан, уулумду өзүмө бер, Азиздерим, өз денеңди ал, пенденин жашоосуна көнсүн". Пендече бир башкача үн чыгып, баятан бери ыйлай элек баланын бакырган үнү угулду. Көзүн жумуп жалынып жаткан Азиза шарт көзүн ачса балканактай уул бала колунда тыбырчылап жаткан экен. Наристенин үнүн уккан Ботобек кирип келе албай коңшусунукуна жетип барып, Күмүш деген келинди ээрчитип келгенде Азиза баланы ороп жаткырып коюп, өзү жанында эле…
- Ии-ий, айланайын, толгоо башталганда эле айтып койбойт белең? - деди коңшу аял.
- Толгоону билгеним жок, төрөтүм оңой эле болду, - деп наристесинин бетин жаап койду Азиза.
- Мейли, аман-эсен көз жарып алыпсың, - деп сүйбөй турганын сезген Күмүш сыртка чыгып Ботобекке сүйүнчүлөдү. - Эркек неберелүү болупсуң, аке, кут болсун!
- Айтканың келсин, болсун, айланайын, аман-эсен көз жарса эле болду, - деп үйгө киргенден айбыгып турганда Күмүш:
- Жүрү, небереңди колуңа алып көр, - деп ээрчитип кирди.
- Неберемди көрөйүн, балам, - деп иймене кирди эле, Азиза уулун акырын алып өзү берди. - Оо айланайын жаңы көз, ата-энең менен бол, өмүрүң узун болуп, ата-энең эле эмес, элдин уулу бол, айланайын, - деп чекесинен өөп кайра берди. - Күмүш, келинге ысык чай берчи.
- Мейли-мейли, - деп жөнөгөндө Азиза:
- Жок, эчтеке ичпейм, убара болбоңуз, - деди. Күмүш ичинен ага нааразы боло үйүнө кетти. Ботобек унчукпай ордуна жатып калды. Эртеси Иман таң ата үйгө кирди. Ал келгенде Азиза уктап жаткан, наристенин бөйпөйүп уктап жатканын көрүп, эңкейе наристе жытын искеп:
- Менин тун уулум, канчалык зарыгып күттүм эле, - деп болбураган жүзүнөн чоп эттире өөп, анан Азизанын бетине жакындады. - Менин Азизам, өзүмдүк болдуңбу, мен ушул күндү зарыгып күтүп келдим эле. Эми менин Азизамсың, бизге эч ким тоскоол болбойт, - деп өөп жатканда Азиза көзүн ачты.
- Дагы эки уулдуу болмоюнча жашообуз табышмак, Иман, мен төрөгөндө үйдө эч ким болбош керек эле, дагы кудайым өз мээримибиздин арты менен бизди кошту, - деп күлүп койду.
- Баланы жети күнгө чейин эч кимге көрсөтпөш керек, сен ачка болгон жоксуңбу?
- Жо-ок, мен да, уулуң да ток, негедир ыйлабайт го?
- Ыйлабаса апасына боору ооруганы.
- Ырас эле.
- Атам туруптурбу?
- Уктап жатса керек, - деп Иман бөлмөдөн чыкса Ботобек сырттан келе жаткан экен.
- Ийи, баатыр, уул кут болсун! - деди Иманга күлүңдөй карап.
- Рахмат, ата.
- Келиндин акыбалы жакшыбы, доктурга барбай койгону эмнеси, эми алар күбөлүк бербей кыйнашат.
- Берет, кайда бармак эле, - деп Иман күлүп койду. - Ата, чай ичели ээ?
- Мейли, балам, апаңды жүрө бербей эрте кел десең болмок экен, ал эми айылчылап жүрө берет.
- Келип калат, ата, тоюн өткөрүшсө эле келет.
- Эрте барып кал дедиң беле?
- Ооба, - деп Иман ары баратып, башын чайкап күлүп алды. - Жарыктык, кемпири жок жалгызсырап жатканбы?
Ал күнү Ботобек бир койду союп, келинине ысык тамак болсун деп илип койду. Иман тамак жасап, жаткан ордуна алып барып берип жаты. Азиза жети күнгө чейин эч жакка чыккан жок. Анткени анын жамбашынан ылдый куудурап, жыландын терисине окшоп турган эле, аны сезген Иман жанына жолободу. Ал билет, баары көз алдында болуп өткөндөй эле билип турчу болгон. Азиза качан гана үч уул төрөгөндө чыныгы адамга айланып, анын кан-жанынан жыландын элеси учуп чыгыш керек эле. Экөө тең эч ачык сүйлөшпөйт. Иман жети күндөн кийин өзүнүн паспорту менен Азизанын паспортун алып, төрөтканага бараткан. Ал паспортту алып ачып көрүп, кайра жаап койду, анткени мурунку сүрөтү азыркысына окшобойт эле. Дароо эсине келип: "Мен андан ирээнжибешим керек, түбөлүк бирге болчу өмүрлүк жарым, мен сенден эч качан кечпеймин. Анткени Азиза деген ат менин өмүрүмдүн, табышмактуу жашоомдун ачкычы, эч качан сенден ажырабайм", - деп өзүнчө күбүрөнүп алды. Төрөтканадан справка алып келип, ЗАГСыдан күбөлүк жаздырып жатканда:
- Балаңыздын атын ким деп койосуз? - деди сүйкүмдүү сары кыз ага кайрылып.
- Аа-а, мен ушуну ойлобопмун, эртең келейин, - деп Иман үйгө жөнөдү, ал келгенде Азиза күлө карап:
- Кетээриңде сурап албайт белең, биринчи балабыздын атын атам койсун, - деди.
- Ошону ойлобопмун.
- Мен дагы.
- Атам кайда?
- Үйдө эле.
- Жүрү, сурайлычы, - деп ээрчише кирип келген уул-келинине Ботобек суроолуу карады:
- Эмне болду?
- Ата, баланын атын сиз коюңуз.
- Оо кокуй, али ат койо элексиңерби? - деп жаткан жеринен өйдө болду. - Неберемдин атын Арзыбек койолу, буга эмне дейсиңер? - Уул-келинин карады.
- Болот, ата, жакшы ат экен, - деди Азиза.
- Жакшы ат болду, демек Арзыбек болот, - деп Иман Азизаны караганда ал башын ийкеп койду. Ошентип баланын аты Арзыбек болду. Небереси төрөлгөндөн он чакты күн өткөндө Сыйда келди. Ал келип небересинин чачын көрүп:
- Ыйык чачы бар экен, көп адамга көрсөтпөгүлө, чоңойгуча жылаңбаш койбогула, - деп өз ырым-жырымын жасап, жентек тойго камынып жатты. Сиңдиси Кадичаны чакырып алган. Азизанын төрөгөнүн угуп, Адылбай аялы экөө келип кетти, бала көргөндөр көбөйдү. Буланбек менен Гүлай келип, жентек той өткөнчө кетишкен жок. Эл чакырып жентек той берип, баланы бешикке салышты. Наристеге жакшылыктарды каалап, өмүрүнүн узун болушун тилешип, эл тарагандан кийин Ботобек балдарына өзүнчө союш союп, коноктоп жатканда эшиктин алдына жапжаңы Одиссей токтоп, Акылбү менен Давид келип калышты. Алар эки балалуу болуп калышкан, улуусу жетиде, кичүүсү беш жашта. Балдар таене, таятасынан чоочуркап, зорго өптүрүшүп, ата-энесине корголоду. Экөө тең тил билишпейт экен, кыргызчага караганда англис тилин жакшы сүйлөшөт, ата-энеси менен орусча сүйлөшүшөт. Буланбек менен Иманбек аларды тамашалап, күлүп жатышты. Бир туугандар чогуу бактылуу мүнөттөрдө күлүп-жайнап, ата-энелерин кубанычка бөлөштү. Акылбү толуп, балпайган келин болуптур. Төрт-беш жылдан бери көрбөгөнгө энеси менен атасы айрыкча кызына көңүл буруп, жашоолору жөнүндө сурап отурду.
Дал ошол күнү жаткандан кийин Иман абдан коркунучтуу түш көрдү. Ал баягы ээн талаада жүрүптүр, жыландар тегеректеп алган. Көзүн ачып, эки жагын караса асканын тушунда турат. "Сен алдыга баспа, эгерде жети кадам таштасаң зоокадагы үңкүргө туш келесиң. Бирок азыр бир кадам басып токтот, жети жылда жетесиң", - деп кимдир бирөө айткандай болду. Ал бир аттаары менен аскадагы караан ага колун булгалады. Ошондо Иманбек көзүн ирмеп ийди эле, ойгонуп кетти, жүрөгү кабынан чыга жаздап, лакылдап калыптыр. Шарт ордунан туруп, жанындагы аялын караса ал бейкапар уктап жатат. Акырын туруп барып, муздак суу ичип, кайра келсе Азиза ойгонуп калыптыр.
- Кайда бардың? - деди ал.
- Эшикке.
- Аа-а, - деп ары оодарылып жатып калды. Иман жатып алып ойлонуп, бирок көргөн түшүн эстей албай кыйнала берди. Эртеси абдан салмактанып ойгонду. Эртең мененки тамактан кийин Буланбектер кетмек болгондо Иманбек агасына кайрылды:
- Сейил кайда?
- Мен кайдан билем? - Буланбек чочуп кетти.
- Калп айтпа, анын баласы сага душман болот, бекер кылдың, аке. Сейил аны сага кайрап чоңойтот, эгерде өзү чоңойтсо…
- Аны кайдан билдиң?
- Билем, баланы башкага бер.
- Сен, сен эмне деп эле жатасың? - Буланбек инисин түшүнбөгөндөй карады.
- Ал төрөгөндө жанында бол, анан баласы жок адамга берип, Сейилге балаң өлүп калды деп кой, анын баарын өзүң бүтүрөсүң, аке, - деп коюп ары басып кетти. "Бул кызык болду го, кайдан билди, эмнеге минтип айтты, өзү кайдан билет?", - деп башы катып турганда Гүлай чыга калды.
- Кеттикпи?
- Ооба, кеттик, - деп үйгө кирди. Ата-энеси, карындаштары менен коштошуп, жолго чыгышты. Буланбек жол бою ойлуу келе жатты, анын түрүн көргөн Гүлай:
- Сага эмне болду? - деди.
- Эчтеке.
- Капа болгондойсуң?
- Сүйлөй бербечи.
- Сен өзгөрүлдүң…
- Өзгөрүлбөй эле турам, жөн басчы, мен жөн эле ооругансып турам.
- Койдум эми, бирок мен абдан жакшы эс алдым.
- Болуптур эми, андан көрө Сезимден кабар алчы бараарың менен анын эмнеге окууга келбей койгонун бил.
- Аны мен айткам, өзүнүн окугусу жок.
- Эмне себептен?
- Кайдан билем, окубайм деп койду.
- Кызык, балким күйөөсү окуба дегендир?
- Руслан андай бала эмес.
- Анда эмнеге, аларды үйгө чакыр, сөзсүз себебин билиш керек. Окуусун таштаганга жол бербейм, үй кызматчысы болуп кала бергиси келип жатабы?
- Ачуулана бергенде эмне, балдардын жашоосуна кийлигишпе, биз менен алардын шарты эки башка, эми кызың барган жеринин шартына көнүш керек. Өздөрү чечишсин, биз сыртынан гана көз салууга тийишпиз.
- Биз сыртта калышыбыз керекпи, эмнеге кызымдын тагдырына кийлигишип туура жолго сала албайм? - деп ачуусу келе Гүлайга карады.
- Жолду кара эми, үйгө барганда сүйлөшөлү, - деп Гүлай күлгөн болуп, Буланбекти тынчтандырды. Унчукпай калган Буланбек Сезимдин Русланды тааныштырган күнүн эстеди. "Эмнеге, сен үйлөнөбүз дебедиң беле, эми эмне деп жатасың?" - деген сөзү кулагына угулуп, "Бул кыз соо эмес, кебетеси ага аргасыз байланып калган жокпу? Болбосо биздин көзүбүзчө үйлөнөм дебедиң беле деп ыйламак эмес, балаң кургур жаңылышып калган го? Ах, алтын кызым, эмнеге бир жетимге тагдырың байланды?" - деп улутуна эки көзү жолдо болуп кетип жатты. Гүлай дагы үн дебей өзүнчө ойлуу. Антип-минтип узак жол басып, үйүнө жете келишти. Айылдан алып келген эт-ашын уул-келинге берип, анан кеч болуп кеткендиктен, жатууга киришти. Эртеси эрте туруп, Буланбек үйдөн чыгып кетти. Сейилдин төрөөр убактысы болуп калган. Ага келсе ойгоно элек экен, эшикти уйкулуу көзү менен ачып, Буланбекти көрүп кайра жаап алаарда ал түртүп, кирип келди.
- Кандайсың?
- Мени менен ишиң болбосун дебедим беле?
- Мен сени таштай албайм.
- Кереги жок!
- Антпе, Сейил, мен сага төрөгөнчө көз болушум керек.
- Мен сенин жаныңда болууну каалабайм.
- Койчу эми, Сейил, эмнеден капаландың билбейм, мен сага жаман айтканым жок, ашыкча иш кылбадым. Эмнеге минтип жатасың билбейм, андан көрө мен сен үчүн кам көрүшүмө каршы болбо, Сейил, - деп кучактап ичин сыйпалады. - Менин уулум кандай өсүп жатат, жаны?
- Сен өжөрсүң, - деп Сейил саал жибигенсиди.
- Өжөр эмес, намыстуумун, мен өз канымдан жаралган баланы кароосуз калтырбайм.
- Болуптур эми отур, мен жуунуп келейин, - деп Сейил андан бошонуп, ваннага кирип кетти. Буланбек өзүнчө ойлонуп жатты. Жумушунда бир картаң аял бар эле. Анын баласы да, күйөөсү да жок, жалгыз жашаганын билчү. Өзү абдан тың аял, "Эгерде Зулайка эжеге айтсам кантет, ал багып алууга көнөөр бекен? Ал көнсө төрөткөн аял менен да сүйлөшүп коюшум керек", - деген ойдо болуп жатты. Сейил жуунуп келип, бир топко өзүн каранды, андан кийин тамак алып келди.
- Кыйналган жоксуңбу?
- Кыйналганда эмне…
- Деги айтам да, толгооң башталып калса мен жокто кантээр экенсиң?
- Тез жардам чакырам да.
- Ошондой болсо да мен сага бир врач жалдабасам болбостур?
- Кереги жок.
- Болбойт, жакындап калды, сен сөзсүз врачтын кароосунда болушуң керек. Бүгүн мен сага врач гинеколог алып келем.
- Кереги жок дедим го?
- Мени капалантпа, Сейил, балам экөөңөрдү кароосуз калтыра албайм! - деди Буланбек ага кайраттуу. - Сен өзүм билемдигиңди токтот!
- Макул-макул эми, сен айткандай болсун, - деп күлүмсүрөй ыраазы боло карады, ансыз дагы жалгыз коркуп жүргөн. Эч кимге көрүнбөй жашагандан өзү дагы тажаган, ал тургай баланы эптеп таштай качып кеткиси келип жүргөн акыркы күндөрү. Буланбектин врач жалдайм дегени ага майдай эле жакты, ошол врач менен сүйлөшүп таштап койгусу келип турду.
Буланбек ошол эле күнү врач гинеколог менен сүйлөшүп отурду. Ага болгонун айтып келип:
- Бул баланы аман алып калыш керек, анын амандыгын апасы билбесин, ага баланы өлүү төрөлдү деп үмүтүн үзгүлө, - деди.
- Жарайт, - деди тутам акчаны чөнтөгүнө салган врач аял.
Аны ошол эле күнү Сейилге алып келип, тааныштырып койду. Алар сүйлөшүп отурганда Сейил да ага өз оюн айтканда врач ичинен таңгалып, бирок сыртына чыгарган жок. Ал ортодон пайда көрүүнү дароо эле пландап, көптөн бери бала багып алуу үчүн келип жүргөн жаш жубайларды эстеп, жымыя түштү. Буланбек андан кийин Зулайкага барды, ал аны жакшы маанайда тосуп алды. Буланбек Зулайка менен көпкө сүйлөштү, кетээринде балага керектүүнү алганга бир боо акчаны карматып, жылуу коштошуп жөнөп кетти. "Ага баланын азырынча кереги эмне, айрыкча менин баламдын? Билинбей калышы үчүн ушундай кылганым гана туура. Төрөгөндөн кийин кандай жүрсө өз иши, башкысы үй-бүлөмдү сактап калсам болду", - деп оор улутунуп алып, үйүнө келди.
- Буланбек, Сезим телефон чалды, врачка көрүнүптүр. Боюнда бар экен, буйруса неберелүү болот экенбиз, - деп сүйүнчүлөп калды Гүлай ал келээри менен.
- Эмне, тийгенине бир ай боло элек го?
- Болуп калат да болгусу келсе, кайра жакшы эмеспи?
- Жакшы болуптур, а баса, эмнеге келиниңдин боюна боло элек, ыя? - деп аялын суроолуу карады.
- Акырын, угат, алар бизге айтмак беле, балким эмдигиче бардыр.
- Эки неберелүү болсок биз дагы картая баштайт экенбиз ээ, кемпир? - деди Буланбек күлүп.
- Эмне, сен өзүңдү жапжашмын деп жүрөсүңбү, элүүгө таяп калдың, андан көрө ушулардын балдарын көрсөтсө өөп-жыттап, бага беребиз.
- Мейли-мейли, иши кылса аман болушсунчу, - деп жатып да Сейилди ойлоп ийди: "Качан төрөөр экен, эркек же кыз экенин билбейм. Эмнеси болсо дагы өзүмдүн каным, алыстатпай өзүм карашым керек", - деген чечимге келип, эс ала түштү.
Ошол күнү Асел доктурга барып үч айлык боюнда бар экенин билип келген, бирок ал кайнатасынын колунда жок деп теңсинбей ушул убакка чейин ата-энесин чакырып сыйлап койбогонуна нааразы болуп, мурдакыдай тура калып жумуш жасаганын койгон. Даниелге канча ирет айткан менен эчтеке чечилбеди. Гүлай өзү сезип, Сезимдерди чакырганда аларды кошо чакырууну оюна алып койгон. Сезим ата-энеси үйгө чакыраарын укканда Айсулууга айтты. Ал колунан келишинче камынып, боорсогун жасап, сандыгынан кийиттерин алып чыгып, жалгыз инисин кошуп алмак болду. Белгиленген күнү Буланбектин үйүнө келип түшүштү, бул жолу машинаны Руслан айдап келди. Аселдин ата-энеси колдорунда жок болгондуктан, конокко куру кол эле жетип келишиптир. Айсулуу болсо келээри менен эшикке жылкыны байлап:
- Айланайын, ушу уулум үйлөнсө деп катып жүргөнүм бар эле, бир аз эрте келип калдык, алдыңарга түшкөнүм ушул болсун, уул-келиним бактылуу болсо башкасы качпас, - деп, алдына эки миң сом коюп, союп келген койдун эти менен боорсокту, кант-чайын алып, ортого жайганда Буланбек менен Гүлай ыраазы болуп турушту.
- Эчтеке эмес, кудагый, биз Руслан менен Сезимди келип-кетип турсун деп эрте чакырттык, кеп алган-бергенде эмес, эки баланын жашап кетишинде, - деди Буланбек.
- Биз ыраазыбыз, кызыбызды малга же акчага алмашпайбыз, багын тилейбиз, кудагый, - деп Гүлай коштоду. Бул кезде Асел ата-энесинен уялып турду, алар өздөрүнчө сүйлөшүп жатышкан.
- Биз эмне кыз бергенбиз, андан көрө булар алдыбызга түшүш керек, - деди атасы Өмүржан корсойо.
- Кызык экенсиңер, силердин айыңардан Даниелден уялып бүттүм, жок дегенде боорсок жасап, кийит-кече менен бирди союп албайт белеңер? - деп Асел ыйлап жатты.
- Ой, биз кошомат кылабызбы кайра, жарым жылдан ашып баратса дагы алдыбызга түшүүнү ойлоп коюшпайт, эмнеден уяласың? - деп апасы Айбарчын күйөөсүн коштоду.
- Эмнеге элдей боло албайсыңар, өмүрүңөр өткүчө ушинтип бечара болуп өтөсүңөрбү? - деген Асел Гүлайдын үнү чыкканда ата-энесине кайрылды. - Киргиле эми, унчукпай отургула, аракты аз ичкиле, сыйлады деп эчтеке билбей калгыча ала бербей, - деп ээрчитип ичке киргенде Буланбектер аларды уул-келиндин көңүлү үчүн жакшы тосуп алышты. Дасторконун толтуруп, тай союп тосту Буланбектер. Өмүржан менен Айбарчын кызынын жакшы жерге келгенине ыраазы болгон менен алардын өздөрүн тоотпой жатканына нааразы болуп отурушту. Улуу баласы аялы экөө келбей койгон. Түнү бою эки куда-кудагыйлар конок болуп, эртеси Айсулуу менен иниси экөөнү узатышты. Карыган кудагыйына ыраазы болгон Буланбек жети миң сомдук пальто, чоң жоолук, көлөч-маасы кылып бир сыйра кийгизип, инисине үч миң сомдук пальто, калпак, көйнөк кийгизди, бир койду кешик кылып салып беришти. Сезимди кал дегенине болбой кетип калды. Өмүржандар кайра дасторконго келишкенден кийин таарыныч кылып жатышты.
- Куда, биздин кызды келин кылып алганыңарга нааразы экенсиңер, биз ачыгын сүйлөшөлү дедик. Аселдин өзүнө теңи табылып, бизди сыйлаар адам чыгаар, биз кызыбызды алып кетели деп чечтик, - деди Өмүржан.
- Ооба, Даниел өзүнө, силерге теңин алсын, өмүр бою басынып жашап жүрмөк беле? - Айбарчын күйөөсүн коштоду. - Болгону беш киши кууп келди…
- Бул эмне дегениңер, куда, биз Аселди кемсинткен жерибиз жок.
- Ошону айтсаң, андай оюбуз да жок, бир аз кечигип алдыңарга түшө албай жатабыз, бизди кечириңиздер, - деди Буланбек.
- Аселди чакырчы, Даниел, - деди Гүлай.
- Асел! - деп Даниел ошол эле жерден үн салганда Асел ашканадан чыга калды.
- Кызым, кудалар алып кетебиз дейт го, сен бизге нааразысыңбы? - Гүлай Аселге суроолуу кайрылганда ал жер карай үн катты:
- Мен эч жакка кетпейм.
- Эмнеге, бизди тоотпосо жүрө бермексиңби, жеңетай тою дагы барган жок, - деп Өмүржан айтканда Буланбек менен Гүлай бири-бирин карап калды, чынында ошону ойлобоптур экөө тең. Кууп келгендердин алдына беш миң сом, кийит-кечени жакшы эле койгон.
- Куда-кудагый, бизди кечирип койгула, ачуу басарды ойлобоптурбуз, - деди Буланбек уяла. - Бүгүн өзүңүздөрдү коноктоп, эртең Даниел өзү баарын жеткирип берет.
- Ооба-ооба, кудалар, таптакыр эсибизде жок, биз түшүнбөй калган экенбиз, айыбыбызды тарталы, - деп Гүлай шыпылдай кайрадан тамак асып, кымбат баалуу коньяктан алып келди.
Аларды жакшылап коноктоп, эртеси Даниел жеткирди. Бир кой, эки миң сом, коробкалап таттуу-тарапа, бир жашик аракты салып беришти. Бул жагынан осолдук кылганын сезип, келининен да уялып калышты. Бирок алар антип турганда Асел боюна болгонун Даниелге айтып койду эле, ал ата-энесине айтып, баары кубанычка батып калды.
Бул бакыт ар бир адамда болушу мүмкүн дечи, бирок барда бардай, жокто токтой кабылданат эмеспи. Гүлай турмуш-жайы ордуна келип, көңүлү тынгандан кийин иштемек болду, Бектурдан заарканып жүрүп, акыры кайра иштеп калды. Бектур дагы эле үйлөнгөн эмес, кайра эле Гүлайды кысмакка ала баштады. Бир айдай болгондо аны жумуштан чыгаарда тосуп алып, өз машинасына отургузду. Гүлай өз машинасын Аселге белек кылып берип койгон болчу.
- Бектур, сен ушинтип жүрө бербей үйлөнүп алсаң боло, баары бир биз бирге боло албайбыз, - деди ал отураары менен:
- Сенден башканы көрөйүн деген көзүм жок, күйөөңдүн ордуна мен болсомчу деп таңды атыра ойлонуп чыгам.
- Бала болуп кетесиң да, мен эч качан сендик боло албайм, - деп ачуулуу айтты Гүлай. - Азыр мени түшүрбөсөң милицияга арыз берем, сен мени кыйнап жатасың, токтот машинаны!
- Анда биз экөөбүз тең өлүшүбүз керек, мен сенсиз жашай албайм, милициядан коркпойм! - Катуу айдап жөнөдү. - Кана макул болосуңбу, жок дегенде өмүр бою ойнош болуп өтөбүз.
- Кереги жок, мен анте албайм!
- Анда өлүмгө даярсыңбы?
- Бектур, эсиңе кел.
- Жок, мен акыл-эсимди эбак жоготкомун, - деп кымгуут машиналардын арасынан катуу кетип баратканда МАИ кызматкерлери анын артынан түшүп алды. Бектур токто деген белгини тоотпой кетип жатты. Акыры аны токтотуп, бөлүмгө алып барышты. Гүлайдын эси чыгып, нес болуп калган. Ал Бектурга жини келип, арыз жазып берди эле, милиция кызматкери жылмая Бектурду карады.
- Сиз ушунчалык сүйөсүзбү?
- Эмнеге антип сурайсың? - Бектур кайра өзүнө суроо узатканда анын жини келип кетти.
- Кайра мага суроо бербей жооп бер!
- Аялдардын сырын билбейсиңби, жигит, мен эмес, ал өзү менин айламды кетирди, ошого жиним келип машинаны катуу айдагам.
- Эмне-е? - Милиционер таңгала карады.
- Сен эмне деп жатасың? - Гүлайдын жини келе аны түртүп жиберди. - Бети жок, мен сенден качып иштен да чыктым, сен эмнеге калп айтасың?
- Аялдар бир сырдуу, миң кырдуу болушат, мени сүйөм деп жабышканың калппы?! - дегенде Гүлай ыйлап ийди.
- Акмак экенсиң, күйөөм бар менин, сенин керегиң да жок десем да жанымды койбой жүргөн өзүң эмессиңби?
- Сени сүйөм, күйөөмдү жек көрөм деген ким? - Мыскылдуу жылмайды Бектур. - Мен сени күйөөңдөн ажырашпа деп жатам го?
- Бул жерден акыйлашканга болбойт, биз арыз боюнча сотко өткөрөбүз, ошондо чечишесиңер. - Бектурга карады милиционер. - Азыр штрафты төлөп кете бергиле, чакырып алышат.
- Иним, сотко ашырбай эле койгула, күйөөм менен балдарым укса эмне дейт? Мен ошолордон тартынып эч кимге айтпай жүрсө бул акмактын айтканы бул, тынчыңарды алганыбызды кечирип койгула, - деп Гүлай бөлүмдөн чыгып кетти.
- Сиз ушунчалык кара өзгөйсүзбү? - деп милиционер Бектурду көзүнүн төбөсү менен карады. - Бечара аялды ушунчалык кыйнаганыңыз жетпейби?
- Эмне, мага ишенбей ошол аялга ишенесиңби, ме штрафты ал да, мени бошот. - Бектур анын алдына айткан акчасын таштап, ордунан турду.
- Буга кол коюңуз, сотко өтөт ишиңер, аялды мазактаганыңыз үчүн жооп бересиз, - деп кагазга кол койдуруп, - Кете бериңиз, - деди.
Бектур жинденген бойдон үйүнө жөнөдү. Келе жатып: "Мен сени сүйдүрө албаганым үчүн сенден өч алышым керек. Ошондо билесиң тоготпогондук кандай болоорун, алдыңда тиземди бүгүп сурадым. Күйөөңдөн башканы сүйбөйм деп көңүлүмдү калтырганга аракет жасадың, менин абалымды сезип койоор түрүң жок", - деп ойлонуп жатты. Гүлай күүгүмдө үйүнө келип, эч нерсе билбегендей өз ишине киришти эле, Буланбек кечигип жатты. Ал Сейилди төрөтканага алып барып, сыртта Зулайка экөө күтүп турушту. Бир кезде аны төрөтүп болгон врач чыгып:
- Кечиресиздер, төрөтү оор болду, баланын абалы менен энесинин абалы азырынча оор, эртең келиңиздер, - деди эле, Буланбек шашыла сурады.
- Чоң кыз, уулбу же кызбы?
- Уул.
- Рахмат, жакшылап караңыз, - деп аны колтуктай нары жакка алып барды да, - Сүйлөшкөн боюнча энесине жоопту ошондой бересиз, баланы мен өзүм келип алып кетем, - деп колуна дагы бир кагаз карматты.
- Макул, сөзсүз ошондой болот, - деген врач аял: "Эптей албадым, акысын алып жатканда калп айтууга дитим барбайт го", - деп ойлуу кирип кетти. Сейил баласынын ыйлабаганынан улам акушеркадан сурады:
- Эже, менин балам эмнеге ыйлабайт?
- Балаңыз тумчугуп калган, өзүңүздү зорго алып калдык.
- Балам…
- Ооба, ансыз деле мындайлар көп болуп өзүбүз чарчап жатабыз, - деп басып кетти.
Сейил баласынан айрылганын билип, эртеси Буланбек келгенде ыйлап кирди.
- Балам жок, мен атайын алдырбай сактадым эле.
- Эмне кылабыз, буйругу жок экен, кайгырбай өз ден-соолугуңду ойло, баары жакшы болот, - деп Буланбек аны сооротуп жатты.
Аны тынчтандырып, тамак-аш киргизип берип коюп, үйүнө келсе Гүлай уктабай күтүп отурган экен.
- Эмне кечиктиң?
- Иш чыгып калды. - Чарчаңкы үн катты күйөөсү.
- Бирдеме ичесиңби?
- Алып келчи, кардым ачты.
- Булан, мен биротоло иштен чыгып, башка ооруканага кирейинчи, - деди Гүлай алдына тамак алып келип коюп.
- Эмнеге?
- Жөн эле, ал жерде иштегим келбейт.
- Өзүң бил.
- Эртең жумуштан чыгып, арыз таштап келем.
- Макул, иштебей деле койсоң боло, жакында неберелүү болсок каралашасың да.
- Өзүм деле ойлоп жатам, - деп экөө мындан аркы жашоолорун кеңешип отурушту. Алар сүйлөшүп отурганда Сезим келип калды.
- Привет мама, папа!
- Жакшы, кызым, кандай өзүң? - Эне-ата кызы менен өбүшүп учурашып, анан жанынан орун көрсөттү. - Отур, кызым, жашоо кандай?
- Баары жакшы.
- Окууңду таштооңо эмне себеп болду?
- Папа-а, менин окугум келбейт. - Тултуюп жер карады.
- Эмнеге, кызым, эки жылдык эмгегиң талаага кетеби?
- Кийин улантам, болбосо окубай эле жашаса болбойбу, баары эле окумуштуу болуп кетсе карапайым адам калбай калат го?
- Башты оорутпа, жок дегенде сырттан окууга которулушуң керек.
- Мүмкүн.
- Руслан окуба дедиби?
- Жо-ок, ал эчтеке дебейт, өзүмдүн окугум жок, сиздин артыңыз менен диплом алып алып эчтеке билбесем эмне кереги бар, зыян эле кылам да? - деп Сезим күлүмсүрөй карады. - Мисалы бирөөнө туура эмес укол сайып койсомчу?
- Шайтандай болбой токтолсоң боло? - Гүлай аны нукуп койду. - Сен окугуң келбесе атаң сүйлөшүп, сырттан окуу бөлүмүнө которуп койсун.
- Анда да болбойт, мен эчтеке билбей эле врач боло албайм, мединститутта сырттан окуу бөлүмү жок, болбойт дагы.
- Мейли, башка сырттан окуу бөлүмдөрү бар эмеспи, жок дегенде бир дипломго ээ болуп каласың, - деп ата-энеси болбой көндүрдү.
Алтургай Русланды кийинки жылы окууга киргизе турган болушту. Ошентип көңүлдөрү жайланып калганда бир күнү аларга чакыруу кагазы келди, ал соттон келген экен. Буланбек менен Гүлай бир топко чукулдашты, акыры сотко барышты. Аерде Бектур дагы бар эле. Сот аны үй-бүлөнү бузууга аракет кылып, ээн баштыкка барганы үчүн эки жылга соттомок болгон. Ошондо Буланбек сөз суранып алды:
- Урматтуу сот аткаруучу, мен Бектур Аматовду соттоого каршымын! - деди.
- Эмнеге?
- Бул соо эмес го?
- Үй-бүлөсүн бузган немени коргогону эмнеси?
- Буланбек жаңылып жатат, - дешип зал ичи күрү-гүү боло түштү.
- Жок! - деди Буланбек залдагыларды токтото. - Сүйүү кылмыш эмес, менин аялымды сүйгөн жигит азамат экен. Гүлай сүйүүгө татыктуу аял, ошондуктан мен Бектур Аматовдун соттолушуна каршымын! - деп Гүлайды колтуктай сот залынан чыгып кетти. Алар узап баратканда бошонгон Бектур артынан жете келди.
- Буланбек, мени кечир, туура эмес иш кылдым, мени кечиргиле!
- Бектур, сен жигитсиң, ар бир жигит жүрөгүнүн каалоосун аткарууга тийиш. Кечирим суроонун кереги жок, эгерде Гүлай дагы сени сүйсө мен каршы болмок эмесмин, кош бол, - деп машинасына отуруп жөнөп кетти.
Бектур башын мыкчыган бойдон туруп калды.
Үйүнө келгенден кийин дагы Буланбек үн деген жок. Болгону бир аз ичи тызылдап кызганганы менен аялынын актыгына ишенди, анын ушунчалык сүйүүгө, үй-бүлө тазалыгын сактаган жакшы ниетине ыраазы болуп, кайрадан сүйүп баратты. Сейилди биротоло унутуп, андан кабар да албады. Ошентип бактылуу үй-бүлө неберелеринин төрөлүшүн күтүп жашоолорун өткөрүп жатышты.
Сейил бир-эки күн жаткандан кийин чыгам дегенде врач болбоду. Анткени ал аябай кыйналып төрөгөн эле. Ошол күнү ал коридордо басып баратып, акушерканын үнүн эшитти, жанында врач бар окшоду.
- Эгерде баланын тирүү экенин билсе ал келин алам дебейби?
- Эмнеге, ал өзү деле баш тарткан, биз баланы жанагы адамга беребиз, оозуңду бекем карма, - деди врач.
- Мен эмне кылмак элем, иши кылса дурус бүтсө болду.
- Эч коркпо, бала абалы нормальный экен, андан бирдеме өнчүдөй, баладан баш тарткан эненин укугу да жок, мага өзү айткан болчу.
- Анан мага көз акы болобу, эже? - деп күлүп калды акушерка.
Сейил делдейе тыңшап турду. Ал эч нерсе кыла алмак эмес, бирок азыр баласын бир жолу эле көргүсү келди, жок дегенде бир жолу. Акырын басып, кабинеттин эшигине барып: "Баламды өзүм алам, бергиле баламды", - дегиси келгени менен бүткөн бою калчылдап баса албай калды. Дубалга жөлөнө өз палатасын көздөй илкип жөнөдү. "Мен акмакмын, бир жылдан бери азап чегип, тогуз ай көтөргөн баламды өзүм бир көрө албасам менин эмнем аял, эмнем эне? Ушундан көрө өлүп калсам болмок, азыр баланы алып кеткенде кантип багам, аны апамдар көрсө эмне дешет? Жок-жок, мен аны ала албайм, акым да жок, көрбөгөн бойдон унутушум керек", - деп керебетке келип отурганда сүт толгон эмчеги ооруп чыкты. Муздак суу тартып, акушерка берген дарыдан ичип, саап койду. Эч нерсеге көңүлү келбей чалкасынан түшүп жаткан бойдон ар кайсы ойду ойлоп жатып, уктап кетти. Эртеси чыгып баратканда Буланбек келип калды.
- Кандай, алтыным, чыгып баратасыңбы?
- Ооба.
- Мейли, сени жеткирип койойун.
- Өзүм эле кетем, ушинтип биздин оюн да бүттү. Эми экөөбүз бири-бирибизди тааныбайбыз, айтор беттешпегенге аракет кылабыз.
- Болуптур, акыркы жолу жеткирип койойун…
- Болбойт, менин жарамды козгобо. Баса, айтаарым, бала тирүү, сен анын кимге бараарын билип кой, менин көргүм да келбейт! - деп Сейил басып кетти.
- Эмне дедиң, кайдан билдиң? - деген суроосу жоопсуз калды.
Аны узата карап турганда Зулайка келди. Врачка жолугуп баланы оротуп чыгып, колуна акча карматты да, машинасына отурду. Зулайка баланы алып, анын жанында отурган. Аялдамада унаа күтүп ойлуу отурган Сейил Буланбектин кетип баратканын, жанындагы бала алып отурган аялды көрдү. Ордунан тура калып токтотмок болду, аңгыча алар зуулдаган бойдон өтүп кетти. "Мен жиндиминби, өзүм баш тартып алып, кайра эмнеге ойлонуп жатам. Жо-ок, менин эне болууга акым жок, өзү карап, көз салып турса болду", - деп ойлонуп кайра чочуп кетти. "Балким башка бирөөнү салып бараткандыр, коңшусу же таанышыдыр, мен эмнени ойлонуп жатам. Анда менин баламды ким алат, ал тааныбаган бирөөдө өссө мен өмүр бою көрө албайм го", - деп артка жөнөмөк болду. Бирок кадамы шилтенбей: "Сен жинди болдуңбу, баары бир сен баш тартып койгонсуң, сага баланы бербейт, андан көрө кет үйүңө", - деп өзүн-өзү тыя токтоп калды. Ошол бойдон эс-мас болуп, унаага түштү да, үйүнө келди. Түнү бою ыйлап жатты, акыры өзүн-өзү токтотуп, жашоого бел байлады..
Арадан бир айдай өтүп, тыңый баштаган. Буланбек таптакыр келбей калганга тамак-аштан кыйналып турган. Телевизор көрүп отурса, "Карабекова Сейил Султаналиевна, 1970-жылы туулган, 1997-жылы үйдөн чыгып кеткен бойдон жок, көргөн-билгендер болсо кабарлап коюңуздар", - деп телефон номуру жазылганда Сейил ыйлап жиберди. Эшик чыр эткенинен чыга калса коңшусу экен.
- Сейил, сени телевизордон көргөздү го, эмнеге үйүңө барбайсың?
- Эже, мен эжеме жолугуп турам, жаңылыш го?
- Койсоңчу, андан көрө апаңды ыйлатпай бар, минтип жүргөнүң болбойт.
- Барам, эже, эртең эле барам, - деп Сейил шашып калды.
- Ушу сен үйүңө келип жүргөн киши менен жашырынып жашап жүрсөң керек, эркектерге ишенип болбойт. Ушундайда акылыңа кел дагы андан колуңду үз, - деди коңшу аял ага акыл айта.
- Ооба…- деп келе жатканда астыңкы кабаттан дабыш чыгып, бирөөнүн келатканын угуп карап туруп калды. Ал Буланбек болчу, Сейилден кабар алганы келе жаткан. Тиги аял акырын үйүнө кирип кетти. Сейил аны караган бойдон тура берди, ыйлап алган. Буланбек аны кучактап алып, ичкери кирип:
- Эмнеге эшикте турасың, ден-соолук дуруспу? - деди акырын.
- Жакшыбы-жаманбы, өмүр өтөт тура.
- Капаланба, мен сага акча алып келдим, эртең таежеме бар, алар сени издеп жатышат окшойт.
- Издегенине жараша биротоло жок болсом кана, ушундан көрө табылбай кеткеним жакшы эле го?! - Буркурап ийди.
- Койчу, Сейил, сен өзүңдү кармап, таежемди кыжаалат кылбай барып кел, эртең бир сыйра кийинип, белек-бечкек да алып ал, баары өттү-кетти, - деп бетинен өөп, кайра чыгып кетти. Сейил өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап отуруп, колундагы акчаларды мыкчый кармады.
- Мен бир жылдык өмүрүмдү бошко кетирдим, бактымды, ой-санаамды шамалга учурган камгак болдум, эми баарын кайрадан башташым керек, - деп чечкиндүү ордунан турду. Эртеси белек-бечкегин алып, айылды көздөй жөнөдү…
Иман менен Азиза экинчи балалуу болушту. Балдары куюп койгондой окшош. Азиза балдарын аябай жакшы көрөт. Үчүнчү баласы боюнда бар. Иманбек үчүнчү баласы боюнда барын билгенде баягы лөлү аялдын айтканын эстеп, жасаткан буюмдарын, жазган кагазын издеп таппай койду. Бир көргөн түшү кайра-кайра кирип, беймазаланып жатты. Үчүнчү жолу көргөн түшүндө асканын тушунда Имандын алды жагында Гүлай туруптур. Иман ага жетип, кайда барасың десе ал күлүп туруп: "Мени тиякка чакырып жатат", - деп жүгүрүп кетип калды. "Жеңе-е", - деп ойгонуп кетти. Бул түшүнөн коркуп жүргөн. Үч күн өткөндө Гүлайды авариядан каза болду деген кабар келди. Иман башын мыкчып отуруп калды. Анан чогуу анын тажыясына барып кайтышты. Сыйда аерде калып калды. Имандар балдарын караган киши жогунан эрте баса беришти. Буланбектин кайгысында чек жок эле, капыстан көз жумган келинчегинин кайгысы бүк түшүрүп койду. Даниел менен Сезим андан өтүп, ботодой боздошот. Көргөн адамдын зээнин кейитет. Үйүнө келген Имандын көз алдынан көргөн түшү кетпей абдан түнт болуп кетти, оюнда өлгөн жакын адамдары үчүн өзүн күнөөлүүдөй сезип жатты. Азиза өз ою менен алек, бир нерсени сезгендей бири-биринен сактанып, сөз сүйлөгөндөн айбыгат. Арзыбек менен Казыбек чоңоюп баратты. Ушул беш-алты жылдын ичинде экөө тең көп жашап койгондой. Арзыбек беште, Казыбек төрттө. Үчүнчү баласы боюнда бар. "Жети кадам, жети кадамдын беш кадамын басып койдум. Эми эки кадам, төрөлгөн балабыз экиге чыгып-чыкпай", - деп ойлогондо Имандын заманасы куурулат. Ал Гүлайды коюп келгенден кийин дагы түш көрдү. Аскадагы үңкүрдөн баягы караан чыгып: "Силер кечикпешиңер керек, биякта баары силерди күтүп жатат", - деп кол булгалайт. Жанында Азиза турат, Иман аны артка түртүп: "Сен кала бер", - десе болбой өзүнө жармашат. Ошол кезде бийик жалама зоокадагы караандын жанынан зоонун узундугу менен тең ак жылан ылдый көздөй түшүп келатып, экөөнө оозун ачып, тилин соймоңдотуп турганда ойгонуп кетти. Ал ойгонсо Азиза ойгоо жатыптыр.
- Уктаган жоксуңбу? - деди Иман ага.
- Ойгонуп кеттим.
- Уктай бер, кыйналган жоксуңбу?
- Жок.
- Аз калды ээ?
- Ооба, буйруса, ушуну төрөгөндө жанымды бол, макулбу?
- Макул. Капаланба.
- Капа болгондо не, башка салганын көрөбүз да, тагдыр бизди ушундай жараткан соң көнбөскө аргабыз барбы? - Ары карап улутунуп алды.
- Ыйлап жатасыңбы?
- Жок.
- Ыйлаба, биздин балдарыбыз бар, ата-энем аларды кор кылбайт, - деп сүйлөшкүчө таң атып кетти. Убакыт өтүп, Сыйда шаардан келди, ал кейип-кепчип:
- Байкушум, келиндей келин болсочу, өлбөс болуп калсачы, - деп ыйлап отурганда Ботобек аялын тыйды.
- Кудай өзүнө керекти алат, балдары аман болсун, андан көрө эми балаңдын камын ойлош керек, кайгыдан капаланып өзүн жоготуп албасын.
- Анын абалы бир топ, кыйын болду балама, капыстан келген ажал жаман тура, жакшынакай үй-бүлөсү урап турат, балдарынын баласын көрбөй кетти.
- Тагдыр деген ошондой, кемпир, кайгырганда не… - деп унчукпай калышты. Ошондон эки күн өткөндө Азиза ата-энесине барып келүүгө суранды. Ага макул болуп жиберип, Иман экөө жолго чыгышты. Эки баланы төрөгөн менен бир дагы жолу аял доктурга көрүнбөгөнгө Сыйда кээде таң калат, бирок эчтеке дей албайт. Азыр дагы машина менен кеткен уул-келининин артынан узата карап турушту.
Иман менен Азиза атасыныкына бараткан жолдон токтошту, анткени толгоосу башталган эле. Эч кыйналбай төрөп алып, даярдап келген ороого чулгап алып, тону түшкөнчө күтүп, анан кайра үйгө келишти. Ботобек менен Сыйда кубанып калды, бирок таңгалышты. Жубайлар балканактай уулдуу болуп, бакытка тунуп турду. Алар бул жашоого ыраазы, анткени табышмактуу өмүрдө жашап жатышканы аларды өкүнткөн жок. Дагы бир жыл өтүп кетти. Иман ошол түнү дагы түш көрдү. "Жетинчи кадам", - деди үңкүрдөгү караан күңгүрөнө. Иман менен Азиза колтукташып алган, ошол кезде баягы зоонун бою менен бир жылан пайда болуп ылдый көздөй сойлоп келип, оозун араандай ачып, тилин сунганда Иман менен Азиза көпүрө сымал тилге аттап өтөөрү менен эле оп тартып кетти. Дароо ойгонгон Иман Азизаны карады. Ал уктап жаткан экен. "Өх", - деп алды Иман. Жүрөгү лакылдап калыптыр. Эмне кылаарын билбей ооналактап жата берди. Ошондон жети күн өткөн жок. Иман башым деп жатып, жума күнү көз жумуп кете берди. Аны койоор күнү Азиза чаңырып ыйлап жатып, эчтеке билбей жыгылып, ошол бойдон эсине келбеди. Эл таңгалып калды. Ызы-чуу болуп, эки жубайды жанаша коюп, ырым-жырымын жасашты. Бир айлык наристе менен эки кичинекей үчөө бирдей жетим калды. Кызыгы, мүрзөгө барып, куран окуп келгендер мүрзөнүн үстүнөн ак жыландарды көргөнүн айтып келип жатты. Бирдей үч жетимди ыйлап-сыктай Сыйда багып жатканда Адылбай менен Атыркүл келип, Ажыбегин алып кетишти. Арзыбек менен Казыбекти алып калды. Көп өтпөй эле Атыркүл наристени кайра алып келди:
- Ботом, балдарды бөлбөгүлө деп, түнү түшүмө кирип, тынч жаткырбады, - деп келээри менен эле ыйлап кирди. - Экөө тең алып барып бергиле, балдарды бөлбөгүлө, бир жерде өссүн дейт.
- Эк куда-ай, мейли, кудагый, балдар өздөрү деле жоош, бир жерде эле болсун, - деди Сыйда менен Ботобек дагы. - Ажыбегим болпоюп абдан жоош, түнү козголуп койбойт.
Сыйда аларды жанына алып жатат. Арзыбек болсо быйыл окуган. Сүйкүмдүү, балдардан башкача акылдуу бала, сабакты жакшы өздөштүрүп кетти. Ата-эненин өкүнүчүндө чек жок. Уулунун бактылуу өмүрү аз убакытка айланганын ойлогон сайын бир ыйлап басылышат. Бир күнү Сыйда уктап жатып, түш көрдү. Аппак кийинип кол кармашып алып, экөө тең үйгө келген имиш. Балдарын баштарынан сылап жатканда үйдүн ичинде кандайдыр бир жарык шоола пайда болот. Иман апасына карап: "Апа, кейибей жүргүлө, биздин жашообуз таптакыр башкача. Ар дайым азиздердин жолуна деп куран окуганды унутпагыла. Балдарды силер чоңойтуп үйлөнтөсүңөр, алар жакшы адам болушат, биз көз салып турабыз", - деп көздөн кайым болду. Андан бери дагы беш жыл өтүп кетти, чөнтөк телефон дегенди Буланбек алып келип берген. Кабарлашып турат. Акылбү эки-үч жылда бир келет, алар алыскы Америкада болуп калышты. Бир күнү Сыйда неберелери, Ботобек болуп тамактанып отурганда Кадича келиптир.
- Жакшы жатасыңарбы, балдар чоңоюп жүрөбү?
- Кудайга шүгүр, өзүң жакшысыңбы, кел өйдө өт.
- Жакшы, кудайга шүгүр.
- Сейил кайда? - деди сиңдиси отураары менен Сыйда.
- Жүрөт, шаарда эле.
- Эми биз бир тууганбыз, Буланбек тигинтип бой жүрөт, Сейил деле бой, экөөнү кошуп койсок кантет?
- Ким билет, дегеле күйөөгө чыгайын дебейт. - Кызы үчүн санааркап жүргөнүн жашырбады.
- Анда мен Буланбекти чакырайын, айтып көрөлү.
- Мейли, балдары эмне дээр экен?
- Балдар өз-өзүнчө эмеспи, Гүлайдын өлгөнүнө беш жыл болду, эмне өмүр бою бойдок өтмөк беле, элүүдөн өтүп баратат. - Сыйда улутунуп алды.
- Ырас эле ошентпесе болбойт, ыйлап жаткан бала жок. Экөө жашап кетишсе болду, - деп Ботобек сөзгө аралашты. Буланбекти чакырып алып, апасы Сейил жөнүндө айтканда ал үн дебеди. Анан Сейилди анын үйүнө чакырышты да, бир туугандары нике кыйдырып койду. Бири-бирине көнүп калган экөөнө жашоо оңой болду бейм, бир ай өтүп, өтө электе Зулайка багып жүргөн алты жашар баланы алып келип алышты. Денис өтө чыйрак бала болгон. Бир аз көнбөй жүрүп, көнө баштады. Сыйда менен Кадича экөө алардын үйүнө тез-тез келип турушат. Бири кем дүйнө ушундай тура, бири кемисе бири толуктап турган. Ошентип Буланбек кайрадан бактылуу үй-бүлө ээсине айланды. Иманбектин кайгылуу тагдыры гана чогулганда аларды бир топ капалантып, эстеп калышат. Үч уулу бактылуу өсүп жатты…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз