Айгүл ШАРШЕН


"Жаштык жыргалы"


Бирде ала салып жай аккан, бирде албууттанып жээгинен ашып-ташкан дарыядай бул турмуштун азилин да, азабын да катарынан өткөрүп, Тургунбай менен Асылай эл катары беш баланы тарбиялап келет. Айрыкча үчөө айтканындай болуп өсүп чоңойду. Кыздары Адина менен Мадина негедир акыркы убакта сөз укпай кыйначу болду. Кээде эрди-катын ошол эки кызы үчүн кыжылдаша кетет. Мектеп жашынан каалаган жагына басып кетип, үйгө токтошпойт. Үйдө болгондо кеч кирди эле чабырасынын четине боз балдар толот. Бүгүн да күүгүм талаш ышкыра берип, мазасын алганда Асылай жини келип, эки кызын уруша баштады:

- Деги кандай балакет болдуңар, элден дагы уялып бүттүк, тиги ышкыргандарды кимиңер ээрчитип жүрөсүңөр, ыя?

- Ушу кыздарыңды көздөн далда жоготсоң боло, шаардагы балдарга кетирип ийчи, ошо жакта жүрө берсин, - деди Тургунбай жиндене. - Эмнеси болсо да кулак-мээбиз тынч болот.

- Шаарга жибергенде биротоло жок болсочу?

- Жок болсо болсун, эшигиңе сагалатып жүрө бер анда, элден уялып да бүттүм.

- Эмне эле болуп жатасыңар, жогото албай жатсаңар кетип деле калам! - деди улуусу Мадина буркулдай.

- Мен деле кетем! - деди Адина.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, эми талаалагыңар барбы?! Ансыз да жаманатты кылып бүттүңөр! - Асылай Адинаны жонго дүп эттире бир чапты. - Жогол, өлүгүңдү көрөйүн, ээнбаш!

- Эмнеге асыласыңар анан, элдин балдарындай кылып багып койдуңарбы, тигиниңерди сатканда дагы эле ун, кант-чайдан эчтеке ашпайт. Мендей кыздар кандай кийинип жүргөнүн көрсөңөр, качан болсо эжемдердин эскисин кийип жүрөм, - деп Мадина тултуңдап ичкери кирди. - Элдикине окшоп өз бөлмөм жок, качан болсо бир үйдө тыгылып жата беребиз.

- Ошону билишеби, эл жетишип эле жатат, биз эле, качан болсо мектептеги кыздардан корунуп жүрөбүз, - деп Адина ага кошумча болду. - Мен мындай жок жашоого чыдай албайм!

- Эмне кыл дейсиңер эми? Башкалар минткен жок эле, ушул экөөнөн күйдүм. Шашпагыла жакында "тигини" өткөрүп келсе экөөңөрдү каалаганыңардай кийинтпесемби? - деп Асылай жибигендей карады. "Ушу эки кызымды да эл катары күйөөгө берип, куда-кудагый күтүп, сый көрсөк", - деген ою бар. "Тиги" дегени заман өзгөрүлгөндөн бери кара куурайдан жасап сата коюшат. Өздөрү Телмандын жогору жагында турушат, тоого жакын. Милициядан тийип-качып эптеп жасап алып учурунда тыйын кылып бир сыйра кызыл жабар менен тамак-ашка кеңейип, ашканын аздап мал кылганга аракеттенип жүрүшкөн. Аңгыча күз келип, Мадина онунчу, Адина сегизинчи класска кирип окуп калышты. Мадина бир башкача кыз, кээде айтпай-этпей эле тааныштарыныкына кетип калат, андайда сабагынан калат. Бир айдай окуп эле үйгө келбей калды.

- Мадина кайда кеткен, сабакка кеткен бойдон жок го? - деп Асылай Адинадан сурады.

- Мен кайдан билем? - Анысы жактыра бербей ары басып кетти.

- Көргөн жоксуңбу мектептен?

- Жок, мен ошону эле карап жүрүптүрмүнбү?

- Жакшыраак жооп берсе болбойт беле, ушу силердин кыялыңарга тойдум, кайда кетип калды ал шүмшүк? - деп ачуулана өзүнүн иши менен алек болуп сүйлөнүп жатты. Адина жардам беримиш этип улам терезеден эшикти карап койот. Бир кезде ышкырык чыгып калды эле, жасап жаткан жумушун таштап чыгып кетти. Асылай кирип кызын таппай калды.


- Кызың кайда кетти? - деди Тургунбай сырттан кирип.

- Эшикке чыкса керек, эмеле үйдө болчу.

- Аның бир бала менен турат, - деп Тургунбай үңкүйүп отуруп калды. Асылай сыртка чыгып Адинанын ылдыйкы айылдык жигит менен турганын көрүп аны чакырмак болду. Бирок ал апасын көрмөксөн боло ары басып кетти. Жини келип басып кеткен жагынан уруп-сабап апкелгиси келди, анте албады. Үйүнө кирип ишин улантканы менен ачуусу келгенинен жаны жай албай жатты. Кеч күүгүмдө үйгө кирген кызы унчукпай ички бөлмөгө өтүп кетмек болду эле, Тургунбай аны жаман көзү менен карап:

- Кайда жүрөсүң? - деп сурады.

- Классташыма барып келдим.

- Караңгыда эмне бар классташыңа?

- Барса эмне экен, "кайда барасың, эмне кылып жүрөсүң, акылың жок" дегенден башка сөзүңөр барбы деги, качан болсо урушуп басып жүрөсүңөр! - деп тултуңдай кирип кетти.

- Булар мени өлтүрүп тынат, ушул экөөнөн көрөт окшойм, - деп Асылай ыйлактай отуруп калды. Эртеси Адина мектепте болчу, базарда отуруп соода кылган курбусу келиптир Асылайдын. Аны жакшы тосуп, чай берип жаткан.

- Асылай, сен Мадинаны жиберипсиң, үч миң сом карыз бердим, алып келдиби? - дегенде Асылайдын башына оор нерсе тийгендей зың эле дей түштү.

- Кача-ан?

- Үч-төрт күн болду го, алып келген жокпу?

- Жок.

- Эмнеге, сен жибердиң беле?

- Жок, Таалайкан, мен жиберген эмесмин.

- Кызык, ал эмнеге калп айтат, мен ага эмнеге ишендим, кайдан дагы бере койдум эле? - деп Таалайкан кейип-кепчип киргенде Асылай уялганынан ага:

- Алса алгандыр, кереги тийип калса керек, беребиз, курбум, кабатырланба, - деди жайгара.

- Мейли, бир айтып койойун дедим, кийин шаштырып калсам да сени капа болбосун деп...

- Туура кылгансың Таалайкан, сага ишенгенинен алса керек, мейли биз турабыз го, рахмат сага, - деп Асылай ичинен кызына жини келсе да, курбусу жаман ойдо калбасын деп калп күлдү.

- Макул, мен барайын, - деп ордунан турду Таалайкан. Асылай аны узатып чыгып кайра келди. Үңүрөйүп отурган Тургунбай башын көтөрдү:

- Бу кызыңдын шойкому башталды го дейм, кайдан болсо дагы тап. Балким Өзгөрүштөгү таежеңдикине кеткендир. Минтип жүрсө бизди жайдак калтырат, ушундайда эч жакка кетпегидей кылып шыйрагын сындырыш керек.

- Мен барып келейин, таежем болсо бир жөн, аякка деле барган жок. Ал ошончо акчаны алып Өзгөрүштө жүрө бермек беле, шаарга кетип калгандыр. Андан көрө Жаңылга чалайын, барса ошого барат, шаарда андан башка таанышы жок, - деди күнөөлүүдөй Асылай.

- Анда телефон чал, барган болсо тим кой, айылдагыдай жүрө алаар бекен, атасын тааныганда өзү келбесе мага кел.

- Билбейм, кандай жолго түшөт, элдин бетин кантип карайбыз, эртең мугалимдери дагы келет, эмне деп жооп берем, - деп ыйлап жатканда Адина кирди. - Эрте кел деп канча айтам, ушул экөөңдү төрөгөнчө өлүп калсам эмне, мына кеч кирип калды, эртең менен кетип кечинде келесиң, кайда жүрөсүң, ыя? - деп чала-була муштап уруп калды.

- Апа, минтип уруша берсең мен дагы кетем, окугум келбейт менин дагы! - деп эшикке чыгып кетти, бирок кайра бир-эки сааттан кийин үйгө кирип жатып алды. Асылай менен Тургунбай чукулдашып урушуп отуруп, жатып калышты. Асылай ыйлап уктай албады. Оюнда Адинаны сабагысы келип турду, анан аргасыз "Карга баласын аппагым дейт дегендей аман болсунчу", - деп өзүн алаксытып уйкуга баш урду. Адинанын окууга көңүлү жок, кара куурай тергендерди кармаган жаш милиционер менен таанышкан. Ал Адинанын мурда балдар менен бирге болгонун угуп калып, ата-энесине билгизбей түн бир оокумда итине нан ыргытып, эки күндүн биринде терезенин тушуна келет. Кээде күндүзү дагы жолугуп калат. Адина көпчүлүк кыздардан айырмаланбайт, бирок эртелеп эркек даамын татып, жытын искеп калган кыз жигиттерди көргөндө көздөрү ойноктоп, кылыктуу күлүп болбой калат. Искендер негедир жаш кыздын рахатына батуу үчүн бул күнү да түн катып келген. Терезеден секирип чыккан Адинага жетип кучактап калды:

- Апаңдар билген жокпу?

- Жок, эчтеке билген жок.

- Жүрү, - деп Искендер Адинаны ээрчитип алып, айыл ичиндеги кичинекей дүкөнчөгө келди. - Сыра ичелиби? - деди кызга акырын. Адина тааныш дүкөнчүдөн бекинип караңгыда турган.

- Ичебиз, - деди шыбырай.

- Болду анда, - деген жигит шыпылдай эки бөтөлкө сырага кошуп, шоколад, колбаса алгандан кийин экөө көздөн далда коктуга барышты. Көк чөпкө отуруп алып сырадан ичип, колбасадан бурдап сугунушту:

- Адина, канчадан бери эркектер менен болуп жүрөсүң? - деди Искендер кызга жылмая карап.

- Анын сизге эмне кереги бар?

- Кечирип кой, бирок билгим келди.

- Секрет, - деп бырс күлдү кыз.

- Макул, - деди да, Искендер аны кучактап оозунан назик өптү. - Жигитиң барбы?

- Жок.

- Туш келгени менен жүрө бересиңби?

- Эмнеге мынча кызыктыңыз?

- Эгерде сен кыз болсоң үйлөнмөкмүн.

- Чынбы? - Кыз ишенип-ишенбей карады.

- Чын айтам, сен мага жагып калдың.

- Сиздин кызыңыз жокпу?

- Болгон, таарынышып кеткенбиз.

- Жаман…

- Бирок аны мен чындап сүйгөн эмесмин.

- Сүйүү кандай болот?

- Сүйүүбү? - Искендер аны эки карыдан ала өзүнө тартты. - Сүйүү деген мына мындай болот, - деп кучактап алып көк чөпкө басып жыгылды. - Мына мындай болот сүйүү деген. - Экөө көк чөптүн үстүндө уйпалашып жатышты. Жаш кыздын ысык илебине мас болгон жигит балтыркандын быша элек сабагындай солкулдаган кыздын ийилчээк денесин кучагында туйлатты. Бир топто барып кучакташып жатып калышты. Ошол кезде мал издеп жүргөн атчан адам аларды көрүп калып жерге түкүрө атын ары бастырып кетти.

- Ок, ат-таңдын оозун урайындар десе, азыркы жаштардан ыйман-уят таптакыр кетти! - деп сөгүнүп кетип баратса:

- Ой, Итибай аке, эмне болду сага? - деп жайлоодон келе жаткан Бозумбек катар бастырды.

- Мына бул жакта бир кыз менен бир бала жатат, адамды түндөсү төшөккө кире турган кылып жаратканына шүгүр, болбосо малдан да өтүп жол-жолдо ит болмок экенбиз. Мал дагы бир жылда бир боозуйт да! - деп каткырып калды. Ага Бозумбек да кошулду:

- Азыр энесинен түшкөн кыз эле таза болбосо, башка кыздарды кудай билет, кудай өзү сактасын, кыздарыбыз бар, а ким болду экен?

- Ким билсин, баягы Тургунбайдын эки кызынын бири го?

- Алардын бири жоголуп кетиптир эмес беле?

- Каякка?

- Ит билсинби?

- Байкуш Тургунбайдын кой оозунан чөп албаган момундугунан го, болбосо берки кыздары жакшынакай эле жүрүп кетишкен.

- Ой, анын аялы жаш кезинде боюнда болуп келген дешет, - деп эркек башы менен аялдардай ушакташып үй-үйүнө кетишти. Ошол убакта эки жакты элеңдей караган Адина үйүн көздөй кетип баратты, ызаланып ыйлап алган. Искендер жана Итибай сүйлөп жатканда кийинип туруп суу бойлой үндөбөстөн кетип калган. Адина эч ким көрбөсө экен деп кайра келип терезеден кирип жатып алды. Эртең менен эрте турган Асылай ал жаткан тар бөлмөгө кирди да:

- Өлбөгөн өлүгүңдү көрөйүн десе. Өлбөй келип калдыңбы, кайда жүрдүң түн катып? - деп жуурканын сыйрып, жонго муштаганда кызы колун кагып жиберип:

- Ишиң болбосун! - деп бакырды. Асылай аны чачынан кармап тепкилеп кирди.

- Сени азыр өз колум менен өлтүрбөсөмбү, ата-энеден айлангыр десе, - деп тепкилеп-чапкылап атып, жини таркаганда гана койо берди. - Бар эми жогол, сендей кызым жок менин, кара башыңды жеген акмак, чык эшикке!

- Кеткенди көрөсүң, - деди тилин тартпай Адина.

- Тилиң үзүлгүр десе, ушул үйдөн карааныңды жоготпосом элеби?

- Жоголсо жоголом.

- Кой, жоголсо жоголор, жоголбосо жүрөөр, абийирибизди төгүп бүттү, жогот бул кызыңды, - деди Тургунбай үңүрөйө.

- Кетет, эртең жол киресин берем дагы жөнөтөм, - деди Асылай да түгү бетине чыгып.

- Акыры эсине келсе түшүнөөр, - дешип өздөрүнчө жаны ачып отуруп калышты. Ата-эне үчүн баланын бейжайлыгы кандай гана азап. Тургунбай менен Асылай дагы жай турмуштун бар-жогуна кайыл болуп, беш баланы өстүрүп чоңойтушкан. "Баланы төрөйсүң, кыял-жоругун кошо төрөбөйсүң" дегендей, балдардын азап-тозогуна чыдап түтө турган да кез келгенин түшүнүштү. Асылай бир туруп: "Болсо болоор, мынчалык балдар жок бекен, токтолуп акылга кирсе зыңкыйган эле кыздар болушат, эл айтса айтып калаар", - деп өзүн-өзү сооротот. Бир туруп: "Башка үчөө жакшы эле чоңойду эле, бул экөө", - деп кыздарынын кылыгын эстегенде заманасы куурулат. Убакыттын өткөнү билинбей тиричилик менен алышып, Адинага жол каражат тапканга аракет кылып жүргөндө ал дагы үйгө келбей калды. Ошол бойдон бир жума жоголуп, бир күнү пайда болду. Кирип келээри менен эле Асылай акшыя карады.

- Кайда жүрөсүң, айбан, шерменде кылдың го?

- Эмне кылып жатам, кыздардыкында жүрдүм, эмнеге эле ушинте бересиңер? - деп Адина чукчуңдай өздөрүнүн чакан бөлмөсүнө кирип кетти. Артынан жулунуп кирген Асылай аны жонго дүңк-дүңк эттире чаап:

- Өлбөдүң го, элдин кыздары талтоондой болуп эле үйүндө жүрөт, ата-энелерине сөз келтирбей, Мадинанын болсо өлүү-тирүүсү белгисиз. Жаңылга чалсам аны келген жок деди, ошентип жүрүп өлүгү талаада калбаса болду.

- Калса эмне кылайын, өзүңөр урушуп жатсаңар жоголот да.

- Тилиңе тибиртке чыккыр, ушу Мадина экөөң бизди өлтүрүп тынасыңар бейм!

- Мен эмне кылдым?

- Атаңдын башы!

- Баргылачы, - деп кызы кайра сыртка чыгып кетти.

- Кудай ай, деги азапка калган экенмин го, бул шүмшүктөрдү төрөгүчө эшиктин алдына эки ит багып алсам болмок.

- Эмне болду?

- Эмне болсун, жанагы шерменденин келгени менин шорум да, келди болду мени кууратат же биротоло өлүп жок болбоду.

- Кызың келдиби?

- Ооба, келбегенде өлдү дейсиңби?

- Эмне кылмак элек, маңдайга жазганды көрбөскө чара барбы…

- Кантейин…

- Кой, кейигениңди коюп чай берчи, кардым ачты.

- Азыр, кыжаалат кылып бүттү, мектептен мугалим келсе жооп табалбай уялганымды айт, же бу акмактар түшүнүп койсочу? - деп отура калып, көзүнүн жашын сыгып алды. - Кокус ушинтип жүрүп төрөп койсо канттик?!

- "Башка келсе көз тартат" деген, башка тойбойбуз деп уят-сыйытты коюп багып алабыз да.

- Ой, деги сен соосуңбу? - Асылай күйөөсүн акшыя карады.

- Анан эмне талаага таштайбызбы, ал дагы адам баласы эмеспи, кокус таштап койсок баары бир эл билет, - деген Тургунбай башын салаңдата күңгүрөндү.

- Кыздарың ушу сенин унчукпаганыңдан ушинтип атат, уруп-тилдеп койсоң айбыгып калат эле, - деп Асылай эми ачуусун күйөөсүнөн чыгармак болду. - Сендей атаны кантип тоотсун анан, нымтырап турсаң.

- Эмне кыл дейсиң, сабап турушум керекпи? - Тургунбай ачуулана аялын карады.

- Ур-саба, болбосо сөгүп-сөздөп үйдөн чыгарбай кама, тиги Эсенбекти карабайсыңбы, кыздары аны көргөндө сийип-сийип жиберишет, үйүнөн карыш да чыкпайт.

- Болду, мен Эсенбек эмесмин, анын өз кыял-жоругу бар, мен башка, ал башка!

- Анда отура бер, төрөсө багып алалы.

- Сенчи, сен энесисиң, кызды эне тарбиялайт, - деди акыры Тургунбай. - Уругумда жок, кыздарга кол тийгизген. Эмнеси болсо да эсине кирип адам болушаар, атасынын гөрү, болсун, болбосо жок болсун, - деп колун шилтей эшикке чыгып баратып, Адина менен беттеше түштү. Аны ормойо бир карап алып чыгып кетти. Ошол түнү дагы Искендер келди, Адина аны менен сүйлөшүп сыртта отурду.

- Адина, Мадина кайда кеткен? - деп сурады Искендер.

- Шаарга.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Мен эртең шаарга кетем, барсаң ала кетейин.

- Шаарга барганда эмне кылам?

- Экөөбүз шаар кыдырабыз, бирге болобуз, келгенде кайра ала келем.

- Менин акчам жок, Жаңыл эжемдин үйүн да билбейм.

- Кабатыр болбо, менде акча бар, сени шаар көрсөтүп келейин.

- Чынбы? - Адина кубанычтуу карады.

- Чын.

- Анда качан даяр болоюн?

- Эртең саат он бирде ылдыйкы айыл өкмөттүн жанында бол.

- Макул, - деп Адина турмак болду.

- Отур, - деп Искендер аны колунан кармап отургузуп алып, кучактап өөп кирди. Бир аздан кийин экөө там артындагы чөптүн үстүндө оонап-онтоп жатышты. Искендер кыздан он жаштай улуу, анын солкулдаган жаш денесине, байоо мүнөзүнө, сулуу жүзүнө карап алып жанында жүргүсү келет, болбосо аялы, бир баласы бар. Аялы төркүнүнө кеткенде ар дайым Адинага келет, мурда Мадина менен жүргөн, эми анын эрмеги Адина. "Кара койдун" бүрүн терип оокат өткөргөн элдин көпчүлүгү аны менен тааныш. "Көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин" дегендей эптеп күн көрүп жаткан эл ага тапканынан бөлүшүп, чөнтөгүнө акча сойлото коюп, аны да, өздөрүн да багып жатышкан убак. Күзгө маал болгондуктан, кара койдун сезону бүтө баштаган, Искендер өзү чогулткандарын шаарга барып тааныштарына өткөрүп, акчага маарыганы жөнөп жаткан. Эртеси Адина кийинип алып, Искендер айткан жерге келип күтүп турду. Бөлмөсүнө кирген Асылай дагы таппай калды. Кыз эки жагын карап турганда жеңил машина менен Искендер келип аны салып, жөнөп кетти.

- Көпкө күттүңбү, Адина?

- Жок, азыр эле келдим.

- Атаңдар билдиби?

- Жок, айткан жокмун.

- Аа-а, бир жума көңүл ачат экенбиз да?

- Ошондой…

- Азамат, - деп Искендер кыздын колун кармап алды. - Өкүнүп калбайсыңбы?

- Эмнеге?

- Аялы бар эркек менен болгонуңа.

- Жок…

- Келечегиң алдыда, убагы келгенде келишкен жигит таап аласың.

- Сиз мени таштап кетесизби? - Адина аны байоо карады.

- Адина, менин балам, аялым бар экенин билесиң да.

- Билем.

- Билгениң жакшы, жолубуз башка экенин да биле жүр.

- Макул.

- Чычканга түнөп кетелиби?

- Өзүңүз билиңиз.

- Мейманканага түнөйбүз, сен түшүңдө көрбөгөндөй сыйлайм, - деп күлүп койду.

- Макул, көрөбүз да…

- Эгерде жигит таап күйөөгө чыксаң жолугуп турабызбы? - Кытмыр жылмайды.

- Кантип?

- Ушинтип эле, эч ким эчтеке билбей турган болот.

- Билбейм…

Аңгыча алар Чычканга кирип келишти. Кире бериштеги мейманканага токтошту. Жайланышкандан кийин суу жээгине барып тамак-аш менен вино ичишти. Адина унчукпай ичип отуруп кызып калды. Күүгүмдө бөлмөгө келип жатып калышты. Түнү бою жаш кыздын жылаңач денесин жарыкта карап, болушунча уйпалап, ырахатка батты. Эртеси түшкө жакын ойгонуп, тамактангандан кийин жолго чыгышты. Түш оой Бишкекке жетип келишти.

- Кана, сулуум, адегенде мейманканага жайгашып алалы ээ?

- Макул.

- Сен мейманканадан чыкпа, мен иштеримди бүтсөм келем.

- Айтканыңыздай болот, - деп күлө карады Адина.

- Эч нерседен кам санаба, кардыңды тойгузганга баарын дайындап койом.

- Ийи-и…

- Демек түшүндүң.

- Ооба.

- Анда кеттик, - деп унаасын менчик мейманкананын жанына токтотуп, Адинаны жетелей кирип, жайгашкандан кийин тамактанып келишти. Искендер кызды кучактап диванда көпкө отурду. Анын жаштыгын, бала кыял байоолугун аяп турду, өзүнө чын дилден ишенип айтканы менен болуп, ата-энесинен безип баса бергенине боору ооруса, бирде жаштайынан эркектердин эрмегине айланганына жини келип да кетет. Канткен менен жан кумарын кандырып, көңүлүн ачып жүргөнүнө курсант. Адина тамактангандан кийин Искендердин кучагында отуруп, "Мени жакшы көрбөсө минтип шаарга алып келип ойнотмок эмес, менин жакшы көргөнүмдү билет, ошону үчүн мени алып келди", - деп ойлоп атты. Искендер кучактап отуруп өөп койгондо Адина:

- Мени жакшы көрөсүзбү? - деп сурады.

- Ооба, жакшы көрөм, бирок сүйүктүү аялым бар, - Искендер кызды чачынан сылагылай улутунуп койду. - Биздин жолдор эки башка, эки айрылыш жол...

- Айрылы-ыш?..

- Ооба, айрылыш, биз бөлөк-бөлөк жашап өмүр сүрөбүз, көпөлөгүм.

- Мен күйөөгө тийбей сиз менен жүрө берем.

- Кантип?

- Ушинтип эле.

- Аны алдыдагы жашоо көрсөтөт, сен азыр жашсың, убагы келгенде баарын өзүң түшүнөсүң. Азыр сага кечки Бишкектин кооздугун көрсөтөм, - деп өйдө болуп кийинди. Адинаны кийинтип алып көчөгө чыгышты. Аянтка келип күндүзгүдөй жапжарык кең көчөдө Адина кубанычтуу:

- Карасаңыз, кандай кооз, жапжарык экен, - деди көздөрүн жайната.

- Ушундай, шаардын кооз көчөлөрү көңүлүңдү көкөлөтөт, мында жашоонун өзү да рахат, жаштык кандай кымбат болсо шаардагы ар бир мүнөт өзүнчө майрам, - деп Искендер аны колтугуна кысты. - Али жашсың, шаарда болсоң көп нерсени көрөсүң.

- Кызык экен, эгерде Жаңыл эжемди таап алсам кетпейт элем.

- Дарегин билесиңби?

- Жок.

- Телефону барбы?

- Бар болчу, менде телефон жок да.

- Номерин билсең чалып берейин.

- Билем, чын эле чалыңызчы, - деп Адина ага номерди айта салды. Искендер телефон чалып:

- Мына, гудок кетип жатат, - деди.

- Алло, Жаңыл эже, мен шаардамын, сиз кайдасыз? - деди Адина кубана, ары жактан ачууланган үн угулду.

- Биякта эмне кылып жүрөсүң?

- Жөн эле келгем.

- Акмак, азыр кайдасың? Мадина дагы келип-кетип, үйгө түнөбөйт, силер жинди болуп калгансыңарбы үйдөн качып?

- Эже, мен шаарды көргүм келген…

- Атаңардын баш-шы, азыр такси менен барам, каерде экениңди айт.

- Мен кай жер экенин билбейм. Эртең жолугам, - деп телефонду өчүрүп салды. - Эми мени өлтүрөт, атамдар айткан окшойт, - деп Искендерди карады.

- Коркпо, мен кеткиче жанымда бол, кетээрде сени жолуктуруп койом.

- Макул, - деп Адина ага да көндү. Экөө көпкө чейин басып жүрүп, кайра мейманканага келишти. Ал күнү бирге болушту. Эртеси Искендер эртелеп кайдадыр бир жакка кеткен, кечке маал өзү келбей бир жигитти жөнөтүптүр. Ал таанышы болчу. Атайын Адинанын көңүлүн ачууга жөнөткөн. Анткени ал Мадинага жолугуп калды. Экөө жолукканда Мадина ага жумушу жок, же акча-тыйыны жок кыйналып жүргөнүн кеп кылды. Искендер ага эки-үч күндө кетээрин айтып башка мейманканага алып барды. Адина турган мейманкана өзүмдүк үйдүн менчиги болчу. Эми ал атайын мейманканага ылайыкталып салынган эки кабат мейманканадан жакшы бөлмө алды, кеткиче Мадина менен бирге болмок.

- Мадина, шаар жактыбы?

- Абдан жакты, а сен качан келдиң?

- Аз күн болду, - деген Искендер: "Колуңдан келсе ойноп күлгөнгө жетеби? "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дейт тура, мен буларды бузган эмесмин. Демек ойноп-күлгөнгө болот, башкысы бирине бирин билгизбесем болду", - деп ойлоп алып, Мадинаны кыса кучактады. - Мен сени аябай сагынып кеттим, эмнеге бир ооз айтпай келе бердиң?

- Сага баары бир эмеспи, аялың бар, менден эмнеге кабатыр болмок элең, мага окшогон канча кыздардын кызматынан пайдаландың го?

- Этият бол, Мадина, мен сага мурда да айткам, экөөбүздүн ортобузда ашыкча сөз болушу мүмкүн эмес деп.

- Ошондуктан сурак жүргүзбө демекчисиң го?

- Макул эми, кел жаталычы, - деп кучактай диванга жыкты.

- Эмне иш менен келдиң?

- Жумуштарым бар.

- Аялың келген жокпу?

- Койсоңчу, азыр аларды эмес өзүбүздү ойлонолу, жумшак дивандын үстүндө бир рахатка баталы, баягыдай чөп эмес, - деп өпкүлөп, кийимин чечинтип жатты. Мадина бир топ тажрыйбалуу болгондуктан, тартынбай эле ишке киришти. Көптө барып өз-өзүнчө жатып калышты.

- Жумушуң бүттүбү?

- Эртең бүтөт.

- Кетет экенсиң да?

- Ооба, кетишим керек.

- Жакшы бар, мен жумуш таап иштейм.

- Бирөөнү таптыңбы же бир тобунбу?

- Бир далайын.

- Ох-хо, бир далайы менен болдум дечи, анда сен байтал базарда иштеп жаткансың го? - Искендер ыржалактап күлүп койду.

- Мен ал базарды уккам, көрө элекмин.

- Баарын көрсөң болмок, - деп сынай карады.

- Сен аны сураба, андан көрө мага акча таап берчи.

- Азыр акча жок менде.

- Кантип, акчасы жок шаарга эмнеге келмек элең?

- Бирөөдөн акча алам, ошондо берем, кеткенче мени менен болосуңбу?

- Кааласаң болоюн.

- Каалабагандачы, сендей кыздын кылыгы эстен кетеби?

- Мени шылдыңдагың келеби?

- Жок-жок, сени шылдыңдабайм, жатканыңды айтып жатпайынбы.

- Мен эрте кетип калайын, - деп Мадина туруп жуунуп келип, кийине баштады.

- Жарык киргенде эле кетпейсиңби, биерде ким көрмөк эле, мен сени сыйлайын, анан кечинде кайра жолугабыз да.

- Жок, бүгүн келе албайм.

- Эмнеге?

- Эжем урушат, ансыз да айылга кет деп кууп аткан.

- Мен ала кетейин анда.

- Көрөбүз.

- Макул, кетмек болсоң сүйлөшөбүз.

- Кеттим.

- Жакшылап ойлон, бир аз жата турсаң болмок.

- Жок, керек эмес, - деп чыгып кетти.

- Сойку, - деп койду Искендер. Бул жерден дагы үч күнгө орун ээлеп коюп Адинаны эстеди. "Темирлан ага эмне деди экен?" - деп ойлуу көзүн жумду.

Адина кечке Искендерди күтүп отуруп, зеригип сыртка чыгып, эки жакты карап кайра кирди. Жатып алып кечинде Искендер менен чогуу болгонун, анын өзүн бекем кучактап оозунан өпкөнүн көз алдына келтирип өзүнчө бактылуу жылмайып алды. Ошол убакта эшик тыкылдады.

- Ким? - деди эшикке келген Адина.

- Ачыңыз.

- Эмнеге?

- Ачыңыз дейм, - деди сырттагы үн өктөм.

- Ким керек? - Адина эшикти ачып жини келе сурады.

- Искендер жиберди.

- Эмнеге, ал өзү кайда?

- Жумушу чыгып калды.

- Анда бара бериңиз, - деп Адина эшикти жапмак болгондо тиги түз эле кирип келди. - Кетесизби, жокпу?

- Сүйлөшүп отурсак болбойбу? - Жигит кызды жылмая карады. - Менин атым Темирлан, - деп колун сунду.

- Кереги эмне, Искендердин салам дубасын айткандан кийин кетишиңиз керек го?

- Эмнеге, ал сенин көңүлүңдү ачып кой деген.

- Эмне-е?

- Ошол, атың Адина, жаңылган жокмунбу? - Темирлан аны сынай карады, Искендер ага өзүн сатып жибергенин Адина билбеди. "Жалгыз зерикпесин деген го", - деген ойдо тикирейе тиктеп алып унчукпай отуруп калды.

- Качан келем деди?

- Бүгүн келбейт.

- Эмне-е?

- Ошондой, биз бүгүн жакшылап таанышабыз, тамактанып келелиби?

- Кардым ток.

- Өзүң бил.

- Түнү менен биерде болосузбу?

- Ооба, сени менен.

- Эмне үчүн?

- Себеби сен мени менен болушуң керек.

- Кандай акың бар?

- Акым бар, Искендер сени мага тапшырган. - Темирлан кызга "сени мага саткан" деп айткысы келбеди. - Адина, канчадасың?

- Он алтыда.

- Оо, жаш экенсиң.

- Онунчуну бүтө элекмин…

- Анан кайдан эркектерди ээрчип жүрөсүң, айылда да сойкулар барбы? - деди Темирлан түз эле.

- Эмне дедиңиз?

- Кечир.

- Мени сизге сойку дедиби?

- Айтпаса да түшүнүктүү эмеспи, эркек менен бир бөлмөдө турган соң…

- Жинди! - деп ызалана ыйлап ийди Адина.

- Ыйлаба! Мени кечир, - деп Темирлан анын жанына келип отурду. - Кой эми, таарынба, - деп кучактамак болгондо Адина андан боюн ала качты.

- Барыңыз, мага жолобоңуз.

- Сага баары бир эмеспи, Искендер сени алмак беле?

- Жинди! - деди Адина ордунан туруп. - Сиз кетпесеңиз өзүм кетем! - Чыгып кетмек болгондо Темирлан аны колдон кармап калды.

- Эч жакка барбайсың! - деп кучактап диванга баса жыгылды. Адинанын тыбырчылаганына карабай кийимин чечип ыргытып заматта уйпалап салды. - А сен укмуш экенсиң, - деди көптөн кийин жылмая ордунан туруп. - Бүгүнкү түн экөөбүздүкү.

- Эмнеге? Искендер айтты беле, ал сизди атайын жөнөттүбү? - деп Адина дагы эле ыйлап жатат. Ал Искендерден мындайды күткөн эмес. Кийинди да, эшикке жөнөдү.

- Кайда барасың?

- Ажатканага.

- Тез кел, жоголуп кетесиң, шаарды билбейсиң да.

- Искендер айттыбы?

- Ооба.

- Эч жакка барбайм, - деп бөлмөдөн чыгып кетти. Акырын сыртка чыгып эки жакты карады. Түн бир оокум болуп калган. Жолго чыкты, эч ким жок, көчө ээн эле, анда-мында гана адамдар жүрөт. Коркуп кайра артка кайрыла бергенде жанына бирөө келип:

- Сулуу кыз, көңүл ачпайлыбы? - деди корулдай.

- Эмне, - деп коркконунан жүгүрүп кетмек болгондо шап билектен кармады. - Койо бериңиз, мен бөлмөмө кетишим керек. - Адина бошонууга аракеттенди.

- Кайда бөлмөң? - деди тиги неме орой.

- Бул жакта… - Колу менен жаңсады.

- Жакшы болот, анда чогуу киребиз.

- Жок-жок, менин жигитим бар.

- Эмне, анда эмне көчөдө турасың, балким капа кылып койгондур, мен сени жыргатам, акчаны көп берем, кыскасы, нааразы болбойсуң, - деп койо бербей туруп алды.

- Койо бериңиз, мага акчанын кереги жок!

- Эмнеге, акча сендей кыздарга эң сонун керек.

- Мага керек эмес, - деп колун тартса болбой ары карай жетеледи.

- Мен сага баарын берем, байлыгымды да, башкамды да, баарын, мени менен бирге болсоң эч нерсемди аябайм.

- Кереге жок деп жатам го?

- Болуптур, мен сени сыйлайын, - деп экөө жулкулдашып жатканда Темирлан Адинаны издеп чыга калды.

- Адина!

- Мени койо бербей жатат! - деди Адина ыйламсырай.

- Каякта? - деп жүгүрүп келип тигинден Адинаны бошотту. - Сен кимсиң, эмне жумушуң бар?

- Жигит, тамашаңды кой, сага баары бир эмеспи, же алайын деп жүргөн кызыңбы? - деди тигил корулдай, Адина анын үнүнөн эле коркуп турду. - Мен сага кө-өп төлөп берем, - деп Темирландын кулагына шыбырады. - Нааразы кылбайм.

Темирлан ойлоно түштү. Экөө ары барып сүйлөшүп калды, бир аздан кийин Темирлан Адинага кайрылды.

- Сен кире бер, мен азыр...

- Макул, - деп Адина бөлмөсүнө кирип кетти. Көптөн кийин Темирлан келип каалганы тартса ачык экен, кыязы кыз ага ишенсе керек. Акырын тиги корулдаган немени киргизип жиберип, өзү жолго түштү. Ошентип Адина бир түндө эки адамга сатылды. Каныбек камаз айдайт, шаарга келгенде ар дайым кыздар менен көңүл ачып кетчү. Бул жолу сатып келген сойку кыз көп ичип алып, мас болуп калгандыктан, ирээнжип чыгып кеткен. Азыр бөлмөгө кирип, эшикти жайма-жай бекитти. Адина койондой бүрүшө аны карап:

- Сиз… Темирлан кана? - деди элеңдей.

- Темирланбы, ал келет, сен абдан сулуу экенсиң, мен сени жактырып калдым, Адина, - дегенде кыз андан качып чыкмак болду. Бирок бекилүү эшиктен чыга албай кептелип калганда олбурлуу эркек аны кармап калды. - Мен сага баарын берем, Адина, сен мага жактың, коркпо менден.

- Менин атымды Темирлан айттыбы? - Акшыя карады.

- Ооба, сен адамдарды билбейсиң, азыр мындайлар көп, кумары кангандан кийин баары бир, - деп кызды бекем кучактап, чапкылап-тепкилегенине карабай керебетке жыкты. Өпкүлөп, оозунан соруп киргенде кыз магдырай бүткөн боюн бош таштап көзүн жума жатып калды. Бирок баарын ичтен каргап-шиледи, биринен бирине өткөрүп кете бергенине ызаланып, адамдардан көңүлү калды. Искендерди көрөйүн деген көзү калбады. "Шашпа, көзүмө көрүнөөрсүң, эгер көрсөм бетиңе түкүрөм", - деп ойлоп жатты, бирок ал өзүнүн сатылганын билген жок. Каныбек кызды эркелете жагымдуу шыбырап, назик өпкүлөп жатып, жоошуй түшкөнүн байкаганда:

- Каалайсыңбы, мен сага үй алып берем, рейстен келгенде дайым сага келип турам, эгер төрөсөң биротоло аялдыкка алам, - деди.

- Эмне…

- Жагып калдың.

- Мен…

- Жо-ок, сен кам санаба, сени кор кылбайм, баарын даярдап берем, мен келгенде тосуп алсаң болду, башкага алмаштырбайм.

- Ойлоноюн.

- Азамат, сендей сулуу, жаш кыздар бактылуу болушу керек.

- Билбейм. - Адинанын оюнда Искендер турду.

- Эчтекени ойлонбо, алар сени мендей баалабайт, көп сойкунун бири катары гана көрүп басып кетишет.

- Сойку-у…

- Эмне, өзүңдү сойку эмесмин деп ойлойсуңбу, сулуу?

- Жок, мен сойку эмесмин! - Адина ыргып тура калды.

- Болуптур, бул чөйрөгө жаңыдан аралашканың көрүнүп турат, - деп мылжыйды Каныбек. - Сени ошонуң үчүн дагы жакшы көрүп калдым.

- Мен сенин жакшы көргөнүңдү каалабайм.

- Адина, эсиңе келип акыл токтот, мен сага үй алып берем, баарын жасайм сен үчүн, сөзүмдү укчу, эркетай сулуу.

- Эчтекени уккум келбейт!

- Токто-токто, мен сага акыңды берүүнү унутупмун, - деп төш чөнтөгүнөн намыянын алып чыгып, акча сууруп, Адинага сунду, - Бул сенин эки сааттык эрмек болуп берген акың, деген менен керемет жан экенсиң.

- Кереги жок! - Адина жер карап тура берди.

- Жүрү таң атып калды, бир жерден тамак алып берейин.

- Кардым ток!

- Макул, мен кеттим, - Каныбек дивандын үстүнө үч миң сомду таштап чыгып кетти. Адина диванга шалак отуруп ыйлап ийди. Айылда бирин-экин балдар менен жатып жүргөнү ал мынча кемсинбеген, ушул эки күн аралыгында үч эркекке кол жоолук болгонуна чындап өзүн кор сезди. Буркурап ыйлап жатты, сүйүктүү ата-энесинин өзүнө кабатырланганын эми сезди, заматта үйүнө барып алардан кечирим сурап, айтканы менен болууну ойлоп кетти. Антип ойлонуп жаткыча түш ооп кетти. Жуунуп келип, кийинди да, "Акмак, Искендер жоголду, анын кайра чогуу кетебиз дегени кана, мени атайын талаага таштап кеткен экен", - деп Каныбек калтырган акчаны алды. "Бул акча менен кайда барсам да болоор", - деген ойдо бөлмөдөн чыга берип Каныбек менен беттеше түштү.

- Кандай сулуу? - Ал жылмая карады.

- Эмнеге келдиңиз?

- Кабар алайын деп, жигиттериңдин келбегенин билем.

- Кандайча?

- Адатта бир түнөп кеткендер кайрылбайт, - деди мыйыгынан жылмая, анан кабатыр болгон кишиче кабагын бүркөй айтканы бул: - Мени сенин келечегиң тынчсыздантып койду, шаарды билбесең жардам берейин…

- Өзүм кетем, - деп Адина бөлмөнү кулпулап жөнөмөк болду, Каныбек аны кетирбей кармап калды, анткени дагы эки күн болуш керек эле:

- Кайда барасың, мен сени алып барам.

- Жок, өзүм эле…

- Кетпейсиң анда.

- Эмнеге?

- Мен сени менен бирге болом.

- Эч качан сиз менен барбайм.

- Барасың, - деп экөө тартышып жатканда мейманкана ээси чыга калды:

- Чоң кыз, мен сага бирдеме айтайын дедим эле.

- Айта бериңиз.

- Жигитиң келбей турганын айтып кетти, эки күндөн кийин бөлмөнү бошотосуң.

- Качан айтты? - Адина аны таңгала карады.

- Бүгүн эртең менен келип кетти.

- Ал… ал мага жолуккан жок го?

- Анысын билбейт экенмин.

- Бошотуп койом, эки күн ушунда болом, - деген бойдон Адина ызасына чыдабай эшикти көздөй атырылды.

- Адина, токто, мен сени менен бирге барайын, - деп Каныбек аны колдон ала кошо чыкты. - Жүрү, Дордойдон кийим алып берем.

- Кетиңиз деп жатам,

- Мен эч жакка кетпейм, - деп Каныбек жолго чыгаары менен таксиге сүйлөштү. - Отур, - деди кызга буйрук бере.

- Мен… - Адина кылчактай туруп калды, ал кайда бараарын билбейт эле, аргасыз таксиге отурду. Каныбек аны Дордойго алпарып каалаганын алып берди, анан ашканага киришти. Кыжы-кыйма элди көргөн Адина таңгалып отурду, экөө беш бармак менен шарап ичишти. Адина азыр эчтекеге карабай ичип отурду, ал адамдардын баарын, айрыкча эркектерди жек көрүп турган:

- Ссее-ен дагы-ы мени таш-штап кетесиңби, ооба-а таштап кете бер-р… мен баарыңарды жек көрөм! - деди кызып калган Адина. - Жжек көр-рөм баарың-ңды!

- Адина, жүрү кеттик, - деп Каныбек аны колтуктап алып ашканадан чыкты. - Азыр сени мейманканага жеткирем.

- Мм-мен э-эш жак-ка бар-рбайм! - деп андан бошонууга аракет кылган менен алсыз немени Каныбек таксиге отургузду. Мейманкананын бир бөлмөсүнө жаткырып, сыртынан кулпулап коюп, өзү кечкиге тамак-аш, ичкенге ичкилик алып келип, анан ойгонушун күтүп калды. Кеч күүгүмдө гана ойгонгон Адина чачтары саксайып, оозу кургап, зыңылдаган башын эптеп көтөрө көзүн араң ачты. Эки жакты карап, өзүн тиктеп отурган Каныбектен жүзүн терс буруп кетти:

- Адина, туруп бирдеме ичип алчы, - деди ага Каныбек.

- Эчтекенин кереги жок!

- Тескериленбе, башың ооруп калгандыр, көп ичпегениң көрүнүп турат, жаштык кылып жатасың, мен сени кор кылбайм, Адина. Туруп өзүңө кел, эртең биерден кетебиз.

- Каякка?

- Мен үй алып берем, өзүңө жакканын.

- Кереги жок, - Башынын ооруганына чыдабай теңселе басып сырттагы ажаатканага чыгып кайра келди. - Мени өз жайыма коюңуз, баары бир мен сиз менен кетпейм! - деди ач кенедей жабышкан эркекке жини келе. - Сиз мени түшүнүп жатасызбы деги?

- Түшүнөм, дал ушул кезде менин жардамым керек экенин дагы билем, андан көрө кийимдерди кийип көрчү, экөөбүз бир жакка барып келели.

- Эч жакка барбайм.

- Болду эми, мен аял алдында мынчалык болгон жок элем, кыязы мага сени тагдыр кошуп турат окшойт. Ырасын айтсам менде бала жок, аялымдын балдарын гана багып келе жатам, алар мага өз баладай болбой бара-бара өгөйлүгүм билинип четтеп баратат. Көп табаарыма кынык алган аялым менден айрылгысы келбейт, - деди Каныбек ымандай сырын төгө. - Эгер сен макул болуп, уул төрөп берсең башыңдан ылдый алтынга бөлөп, алдыңа машина алып берем, Адина.

- Мен жок дегенден кийин түшүнсөңүз, - деген Адина үстөл үстүндөгүнү көрүп жегиси келип кетти, жүзүмдөн үзүп, оозуна салды.

- Кел тамактаналы, мен заказ кылып койгом.

- Ыссык шорпо болсо…

- Азыр даяр болот, - деген Каныбек Адинаны тилге келгенине кубана сыртка шашып чыгып кайра кирди. Бир аздан кийин тамак алып келди. Экөө отуруп үнсүз тамактанышты. Каныбек винодон эки стаканга куюп бирин Адинага сунду. - Кел, алып кой, эс алып каласың, муну ичпесең кыйнала бересиң.

- Ичким келбейт. - Адина окшуп ордунан туруп, жуунчу бөлмөгө кирди, көпкө кусуп шайы ооп, шалдырап келип отурду. - Көргүм келбейт, иччү эмесмин, көп ичип койдум го…

- Эчтеке эмес, сен муну менен жеңе албайсың, эгер менин айтканыма көнсөң айтканыңды аткарам, Адина, - Каныбек аны жалдырай карады.

- Билбейм, азыр башыма эч нерсе кирбейт, - деген Адина Каныбек сунган шарапты алып отуруп калды. Андан кийин дагы бир топко чейин отуруп, бир бөтөлкөнү түгөтүштү. Адина кайра ордуна жатып алды эле, Каныбек дагы жанына кийимчен жатып алып, аста кучактады. Бул жолу кыз унчуккан жок, ал өзүнчө ойго батты: "Неге ата-энемдин тилин албадым экен, Искендер болбогондо үйдө болот элем, ага ишенгенимди кара, чынында акылсыз турбаймынбы. Эми буга макул болгондон башка аргам жок, тийсе тийип алайын. Улуу болсо эмне экен, көзүмдү карап турса, айтканым менен болсо башка эмне керек", - деген чечимге келди. Ал түнү да бирге болушту, Искендерден кабар болбоду. Эртеси Каныбек экөө ээрчише көчөгө чыгышты. Үй издемек болуп кетип баратышат. Бир маалда жолдун аркы бетинен Искендерди көрүп кыйкырайын деп барып, анын жанындагы Мадинаны көрүп кайра токтоп калды. Буту шилтенбей экөөнү жалдырай карап тура берди. Искендер менен Мадина дал баягүнкү экөөндөй колтукташа бирдемелерди божурашып, колдорун булгалай бактылуу бараткан эле. "Акмак", - деп көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый тоголонуп турган Адинанын оюн Каныбек бузуп жиберди. Ал жанында келаткан Адинанын токтоп калганын сезбей сүйлөп кете берген эле. Бир кезде жанында жогун байкап, артына кылчайса, кыз он кадамдай арытада селдейе ыйлап турат.

- Адина, сага эмне болду? - деди Каныбек кайра артка басып келип.

- Эчтеке, - деп көзүнүн жашын аарчып, аргасыз аны ээрчип жөнөдү. Каныбек унчукпай кызды колтуктан алды. Адина ызалуу, кегин кантип алаарын билбей: "Бети жок, эже-сиңдини эрмектеп жүргөн экен да. Мадина, сен жинди болдуңбу, биз бир туугандар ушул акмак ментке алданып жүргөн экенбиз да. Ай кудай ай, башка бирөө менен көрсөм эчтеке эмес эле го", - деп жашын кылк эттире жутуп көз жашына муунуп келатты. Каныбек аны байкамаксан болуп кете берди.

Бир кезде Адина Каныбектен колун булкуп алып, артка кайрылды. "Алар мейманканага баратышат, мен Мадинага жолугуп, аны Искендерге жолукпа деп айтышым керек", - деп чуркап жөнөдү. Анын артын карабай жүгүрүп кеткенин көргөн Каныбек адегенде дендароо боло түшүп, анан кайра эсине келе артынан чуркады. Күйүгө жүгүрүп мейманканага келген Адина экинчи кабатка көтөрүлүп баратып, Мадинанын шыңкылдаган күлкүсүн укканда токтой калды. "Эмне деп барам, Искендер мени алып келген деймби, же аны менен мен жүргөм деп айтамбы?", - деп турганда Каныбек жете келди.

- Сага эмне болду, бирдемеңи унуттуңбу?

- Ооба, мен азыр чыгам, - деп кирип барса, Мадина менен Искендер кучакташып турушуптур. Экөө тең жалт карап чочуп кетишти:

- Адина, сен кайдан жүрөсүң? - деди Мадина таңгала.

- Мен сени көрүп артыңан келдим, бу жерде менин буюмдарым бар, алып алайын…

- Сенин… буюмдарыңбы, эмнеге биерде?..

- Эч нерсе сураба, - деп кийимдерин чогултуп, бөлмөдөн чыгып баратып артына кылчайса, Искендер жер карап турган экен. Мадина аны жетип карыдан алды:

- Качан келдиң?

- Кечээ.

- Эмнеге?

- Мени койо бер! - деп Адина жулунуп чыгып кетти. "Өзүң түшүнөөрсүң, сөздүн кереги жок, Искендерге өзүбүздүн жеңилдигибизден гана илинип калдык. Чала бизге, ата-эненин сөзүн укпаганыбыз үчүн ушул болду. Акмак Искендер, убалыбыз жетсин сага, бети жок мент, көрсө экөөбүз менен тең жүргөн тура, милиция мафия дегендери ырас тура, акмак!", - деп ыйлап тепкич менен ылдый түшүп келатты. Аны Каныбек ээрчитип алып кете берди, эми Адинага баары бир болчу, ата-энесине көрүнбөй эптеп изин жашырып, адам болгусу келди…

Мадина Адина чыгаары менен жер карап турган Искендерди карады, оюна ар нерсе келди. Кимди күнөөлөп, кимди урушаарын билбей делдиреп тура берди, көптөн кийин Искендерди жаакка бир чапты:

- Акмак!

- Эмне?

- Сен алып келгенсиң го, болбосо биерде ал эмне кылып жүрөт?

- Мен кайдан билем? - Искендер мойнуна алгысы келбеди.

- Эмнеге анын кийимдери биерде?

- Билбейм, - деди Искендер.

- Мени бузганың аз келгенсип сиңдимди да эрмектедиңби, эгер аны дагы сен бузган болсоң, өз колум менен өлтүрөм, акмак. Түрмөдө чирий турган кылам, чыныңды айт! - деп Мадинанын колу Искендердин жакасына жармашты, ал колун чыгаралбай муунуп баратканда гана койо берди. - Аялдын алсыздыгынан пайдаланам десең жаңыласың, мен Адинадан ачыгын билем да, үйүңө барып көргүлүктү көрсөтөм! - деп түртүп ийип бөлмөдөн чыга жөнөдү:

- Эн-неңдурайын жалаптар, өздөрүнүн шуркуялыгын билбей мени күнөөлөгүсү бар, - деген Искендер галстугун оңдой диванга отуруп калды. Бир аздан кийин Мадина кайра кирди:

- Сен бүгүн мага жооп бересиң, мен азыр арыз жазам!

- Эмне, эмне деп былжырап жатасың?

- Мен сага былжыраган жокмун, чындыкты айтып жатам. Адина шаарды билбейт, келмек эмес, аны сен алып келгенсиң, ошондуктан ал бул бөлмөнү билет. Жооп бересиң, эсиңде болсун, жолдош Искендер Мусаев, биерден болбосо айылдан табам, өлүп кутулбасаң акыры табам. Сенин кара куурайдан тапканыңды, элдин аркасы менен өзүң аны менен иштегениңди билбейт дейсиңби, сен мени оңой деп ойлобо?! - деп кайра чыгып кетти.

- Эмне деп жатат, мына бу сойку? Эгерде бул арыз жазса, мени кайдан да болсо табат, бул жалаптын оозун жаппасам, түрмөгө отураарым бышык, акталганым менен эл ичинде жоом көп, - деп ордунан шарт туруп, эшикке жүгүрдү. Мадина эбак узап кеткен, ал кыжылдаган элди аралай шолоктоп кетип бараткан. "Эмнеге акмак болдук? Элди көзүбүзгө илбей, ата-энени тоотпой, тапкан пайдабыз ушулбу. Мен Искендерди мындай акмак деп ойлобопмун, кандай шермендемин, өзүм эле эмес сиңдимди кошо бузуп", - деп көзүнүн жашын көл кылып баратып Жаш Гвардия бульварында эс алып жүргөн жаштарды көрдү. Отургучтар бош эмес болгондуктан, ойго чөмүлүп, жогору карай кете берди. Өзү курдуу жаштар эки-экиден кыз-жигит болуп, жүздөрүндө күлкү ойноп, бактылуу сүйлөшүп отурушат. Аларды көргөндө ичи ачышып ызаланды. Эжесиникине баруудан тартынып, көчө кезип жүрө берди. "Неге мен өз теңимди таппай орто жолдо калышым керек, эми айылга баралбайм, эптеп жумуш таап иштешим керек, ансыз да ата-энемди уятка калтырдым", - деп баратып, бош орундукка көзү түштү. Аерге отуруп өзүн-өзү сооротту, Адинаны ойлоду, ичи ачышты. Ошол учурда Жаңыл эжеси ага телефон чалып калды.

- Алло, угуп жатам, эже.

- Кайдасың?

- Мен центрде жүрөм, Адина келиптир, ошону издеп жүрөм, - деди ага.

- Качан келиптир?

- Билбейм, алыстан көрүп жетпей калдым. - Калп айта салды.

- Келе бер, чоң шаарда аны кайдан тапмак элең, өзү келээр…

- Макул, азыр барып калам, - деп телефонун өчүрүп коюп, ойлонуп калды: "Ал баса берсе атамдар эмне болуп жатат, аларга жаман болду, эмне кылсам, Адина кайда кетти экен?" Ордунан көңүлсүз туруп эжесиникин көздөй жөнөдү. Ошентип Мадина менен Адина жаңылыштыктарын кеч сезип, экөө эки жакта эзилип жатты.

Каныбек менен Адина ал күнү үй таппады, кечинде ашканадан тамактанган соң мейманкалардын биринен орун алышты. Рейске кетээр мезгили болуп калгандыктан, Каныбек Оштон жер-жемиш ташыганга кардар таап алып, Адинаны өзү менен бирге ала кетти. Адина аны менен жүргөнү аябай көңүлдүү жүрдү, себеби ар токтогон жерден ага каалаганын сатып берип, оюндагысындай болот. Бир жума жер-жемишти топтогондон кийин жүктөп коюп, кардары такси менен кетти, экөө түндөп жолго чыгышты. Каныбек Адинанын көзүн карап, улам токтоп эс алдырып, суу жээгине түшүп тамактанып, анан кайра сапарын улантышат. Бишкекке таңга маал келип күтүп калган товардын ээсине машинаны токтотуп берип, Адинаны өзү барып жүрчү мейманканага ээрчитип барды. Аерге өзү гана барчу, анын кыз ээрчитип келгенин көргөн мейманкана ээси бирдеме демек болгондо:

- Бул менин аялым, кечирип коюңуз, - деди эле, ал унчукпай калды.

- Эмнеге антип айттыңыз? - Адина түшүнбөй суроо узатты.

- Булар андайды жактырышпайт, үй-бүлөлүүлөргө гана уруксат беришет, бул таза мейманкана, - деди Каныбек.

- Аа-а, - Адина унчукпай калды. Аерде түнөп эс алып, эртеси, анын эртеси үй издеп жүрүп бир бөлмөлүү батир табышты, бирок ал Адинага жакпады. Андан кийин жер үй издештирип бат эле тил табышты, баасын келтирип сатып алууга макулдашты. Каныбек ошол күнү эле үйгө керектүүнү алып келип, бир бөлмөнү жасап койду. Ошентип Адина баарына кайыл болуп, чоң тамда жашап калды. Каныбек андан кийин машинасын алмаштырып, шаардан иштемек болду, Адинаны кызганып ээн калтыргысы келбеди. Аялы Ширин телефон чала берип тажаганда шаарга издеп келди, бирок аны табуу оңойго турбады. Бир күнү "Мен шаардамын, жооп бер", - деп телефонуна кат жөнөттү. Көп узабай Каныбек ага: "Менден үмүтүңдү үз, менин сенде кармалаар эчтемем жок, мен башка аял алып алдым", - дегенде аялы кайра-кайра кат жазды эле, жооп бербеди. Эртеси номурун алмаштырып алды, ошол бойдон табылбай калды. Бир күнү анын телефонун кармап отуруп баягы катты окуган Адина:

- Ажырашпай туруп, үйлөнсөң жоопко тартпайбы? - деп сурады.

- Эмнеге? Он жыл жашадым, анын үч баласын бактым, төрөгөн жок, менде күнөө жок да, мен балалуу болушум керек, - деп Адинаны эркелете алдына алып отургузду. - Сен мага төрөп берсең болду, менден башка бактылуу пенде болбос, - деп кучактап өпкүлөп кирди.

- Болду эми, кардым ачты, бирдеме ичели, - Адина ага эркелей карады. - Эмне жасайын?

- Сен тим эле отура бер, мен өзүм жасайм. - Каныбек тура калып, ашканага кирип газды күйгүздү, заматта эт туурап, куурдак жасап алып келди:

- Тамак жасаганга уста экенсиң. - Адина жылмая карап чыныдагы чайына кумшекер салып иче баштады.

- Эгерде сен менин тилегимди орундатсаң колуңду жумушка тийгизбейм.

- Чынбы?

- Чын айтам.

- Эмнеге үч балалуу аялды алдың? - Адина капыстан суроо узатты. - Мурда аял алган белең?

- Жок, мен Ширинди өзүм каалап, ата-энем жактырбай каршы болгонуна карабай алып алгам, - деди Каныбек ойлуу. - Быйыл он жыл болду, бештеги баласы он бешке чыкты, кызы он алтыда, эң улуусу он сегизде, быйыл балдарын окутабыз деп жатканбыз…

- Эгер мен жолукпасам жашай бермек экенсиңер да?

- Өзүм издеп жүргөм, ылайыгы келбей жүргөндө сен жолугуп калбадыңбы? - Кучактап өөп койду. - Мени таштап кетпейсиңби?

- Азыр ойлоно элекмин…

- Төрөп берсең төбөм көккө жетээр эле.

- Кудай билет.

- Кудайдан сурап жатам, жаным.

- Балалуу болгондон кийин мени үйгө калтырып коюп, башка менен жүрүп алсаңчы? - Сынай карады.

- Жок, эч качан андай болбойт.

- Чын элеби?

- Чын айтам, сенин көзүңө чөп салбайм, убада берем, жаркыным.

- Ошондой болсо болду.

- Ата-энең жөнүндө сурабадым…

- Алар мени издеп жаткан чыгаар…

- Анда баралыбы?

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Качып кетип картаң күйөөгө тийип алганымды билсе алар каршы чыгат, мени сага бербейт, анын үстүнө менин жашым жете элек.

- Ырас эле, качан балалуу болгондо баралы, макулбу?

- Ошондо байкап көрөбүз.

- Анда иштеп жүрөм деп чалып кой.

- Чын эле…

- Мына, каалашыңча сүйлөш, миң бирдик бар, - деп телефонду сунду.

- Азыр эмес.

- Эмне үчүн?

- Жок дегенде бир ай өтсүн.

- Чын эле, - Каныбек ынана түштү. - Экөөбүз нике кыйдырып албасак болбой, балабыз адал болсун.

- Кайсы бала? - Адина ага таңгала карады.

- Болуп калсачы?

- Аа-а…

- Ата-энеме алып барсам, Ширин уруш чыгарат, азырынча аларга жөн гана сүйлөшүп айтып койом.

- Ачык эле ажырашсаң болбойбу?

- Өтө кыялы чатак аял.

- Кызык.

- Сен али жашсың да, эч нерсени көрө элексиң.

- Мен анын ордунда болсом тим коймокмун.

- Адамдын баары бирдей эмес да.

- Аялыңда байлык барбы?

- Кандай байлык? - Каныбек Адинага түшүнө бербей кайра сурады.

- Тапканың жакшы болсо, мал-сал бардыр…

- Ой кокуй десе, бар эмей, уй-жылкылар, жандыктар бар, үйдү келиштирип салгам.

- Анда анын урушаар акысы жок экен, тапканыңдын баары колунда калып жатса, эмнеге чычалайт, көзү тойбогон неме го?

- Ой адам ошол да, ал мени кетиргиси келбейт, баласы мага бала болуп бере тургансып, чоңойгон сайын мени тоготпой калышты, - деп экөө тамактанып бүткөндөн кийин орун салып жатып алышты. Каныбек жаш кызды кучагына кысып, өмүрүндөгү бүт ой-кыялдары ишке ашкандай бактылуу болуп жатты. Адина өзүнчө тунжурайт, "Төрөй аламбы, жапжаш туруп төрөп алсам атамдар эмне дейт? Элден уялышат го, өзүмдөн улуу адамга тийгенимди уккан элчи, алар кеп кылып оңуп калышат, теңтуш-классташтарымчы, алар эмне дешет?", - деп санааны сансыз кырын ашты. Убакыт өтүп арадан эки-үй ай өтүп кеткен, алтургай Адинанын боюнда да бар. Бир күнү ал ата-энесине телефон чалды. Чоочун номурду көргөн Асылай: "Бул ким болуп кетти, Адина болуп жүрбөсүн, же Мадина дагы эле Адинаны таппай жаткан го", - деп ойлогуча телефону кайра-кайра чырылдай берди.

- Алло, ким бул? - деди анан кулак түрө. Ары жактан Адинанын үнү угулганда кубанып кеткен эне шашып калды.

- Ай Адинасыңбы, кайда жүрөсүң тентип, деги аман-эсенсиңби?

- Жакшымын, апа, мен иштеп жатам, жакында акча жөнөтөм, макулбу, апа? Атам мага капаланып жүрөбү, мен жакшы элемин, өзүм акча салганда чалам ээ? Жакшы тургула, апа, силерди сагындым! - деп, телефонун өчүрүп салды. Каныбек ага телефон алып берип, миң бирдикти былчыйта салып койгон. Апасын сүйлөтпөй эле өчүрүп салды, анткени сагынганынан ыйлагысы келип кетти. Жанында Каныбек жок болчу, буркурап жиберди, үйдө жүргөнүндө анча билчү эмес, эми алыс болгонго сагынычы ашып-ташып турганын сезди. Акча салабыз деп Каныбек өзү айткан эле.

- Сага эмне болду, эркетайым, бирдемеге капаландыңбы? - деп Каныбек кирип келип жаш колуктусун кучактады.

- Эчтеке, апам менен сүйлөштүм.

- Акмагым менин, ошого ыйладыңбы?

- Ооба.

- Сагынгансың го? - Колутугуна кысып алып, чачынан сылап, жыттап койду. - Анда алпарып келейин.

- Кантип?

- Сени алып барып койом да, бир жерден күтөм, сен ишим бар деп эки-үч күн тургандан кийин кайра мага келесиң, телефон менен байланышабыз.

- Качан?

- Сен каалаган күнү.

- Баргым келет…

- Анда эртең эле жөнөйбүз, макулсуңбу?

- Макул. - Адина баш ийкеп койду.

- Эртең Дордойго барып кийим-кече алалы, белек-бечкек менен барсаң иштеп жатканыңа ишенет, - Каныбек Адинаны көздөрүнөн өөп бооруна кысты. - Секелегим десе...

Айткандай эле ошонун эртеси камынып алып, түштөн кийин жолго чыгышты. Түнкү он бирлерде кирип келген кызын көрүп, ата-эне кубанып кетти. Көтөрүнчөгү көп эле:

- Кандай келдиң, кызым, Мадинаны көрүп жатасыңбы? - деди отургандан кийин. - Баягүнү сурагыча өчүрүп койдуң.

- Көрө элекмин, жумуштан кол бошобойт, - Адина алып келгендерин жайып, ата-энесине кийимдерди берди. - Жактыбы, апа?

- Жакпаганда эмне, кандай жумуш деги? - Асылай кызын күмөнсүй карады. Шаарга барган кыздар сойку болуп кеткенин угуп жүрчү. "Мындан кыйындар иш таппай жүрсө, бул кайдан таба койду, кудай уруп ошондой иш таап алган го?", - деп күдүк ойлорго жетеленип турганда Тургунбай аны капталга нукуду:

- Ой тур, Адинага чай берсеңчи, алыс жолдо ачка болгондур, эмне эсиң ооп калды.

- Ата, мени кечирим койгула, жаныңарда жүргөндө билчү эмесмин, шаарга баргандан кийин билдим, аябай сагындым, - деп Адина атасынын мойнунан кучактап ыйлап ийди. - Силерди укпаганыма өкүнөм, - деп чөнтөгүнөн беш миң сом алып чыгып берди. - Мен акчаны салып жиберейин дегем, кайра силерди көргүм келди.

- Айла-анайын десе, өзүң аман жүрсөң болду, силерди жакшы болсун деп эле урушчубуз да, айлыгың көп го, эки айда ушунча таптыңбы? - Асылай кызын сынай карады, анын иштегенине ишенбей турду.

- Айлыгым жакшы, арак заводдо бөтөлкө жууйм, айына алты миңден алам, - деп шар жооп берди Адина.

- Ошентип кыйналбай эле окууңду окуп жүрө бербейт белең анан, өзүңдү-өзүң кыйнадың. Мадина анда-санда гана сүйлөшөт, жумуш жок деп ыйлактайт.

- Ылайыгы келсе аны киргизип алсаң болбойбу?

- Бул эмне директир беле? - Тургунбай ороңдой карады. - Өзү иштеп жүргөнүнө шүгүр десең, - дешип ата-эне кобурашып, жетине албай жатышты. Кийимдер кымбат баалуу эле, аларды Каныбек атайын алып берген. Ал кубанычы койнуна батпай балалуу болооруна кудуңдап, Адина асмандагы айды алып бер десе да колдон келгенин жасамак. Асылай түнү менен ойлонуп чыкты: "Кетпе десем бекен, же иштей берсеби, минтип акча салып турса жакшы эмеспи, тим койойун, качан кетем дээр экен?" Эртең менен эрте турду. Качан гана Адина тургандан кийин чогуу дасторкондо отуруп, андан качан кетээрин сурады:

- Кетпейсиңби эми?

- Апа, жумуштан суранып келдим, бүрсүгүнү кетем, жумуштан калганга болбойт.

- Тим кой иштей берсин, - деди Тургунбай дагы. - Мектепке деги барбай калды, үйдө жүргөндө эмне? - Ал: "Дагы күндөп-түндөп кетип калса экөөбүз азабын тартабыз", - демек болуп сыртына чыгарбады.

- Мейли, ошентсе да Алмашка, Жаңылга сүйлөшүп турсаң.

- Ооба, баргандан кийин сүйлөшөм, - деп Адина көңүлсүз чай ичип алып, кайра жатып уктап калды. Боюна болгондон бери көп уктачу болгон, анын үстүнө Каныбек экөө мамык төшөктөрдө жаткандыктан, өзү чоңоюп өскөн үйүндө чоочуркап көнө албай жатты. Адина кетээрде барганда жейсиң деп атасы үндүк союп, апасы май-сүзмө салып дайынданып койду. Ошол күнү эртең менен Каныбек телефон чалды. Ал эки күндөн бери ар кайсыны ойлоп, Адинаны үйүндө калып калбаса экен деп жаны жай таппай аткан. Телефону чыр этээри менен ала коюп:

- Угуп жатам, - деди Адина.

- Бүгүн чыгасыңбы?

- Ооба.

- Кай жерде болосуң?

- Мени жеткирген жерге келе бер, такси деп ойлошот.

- Макул, жаным, - деген Каныбек кудуңдай белгилүү жерге келип, ылдыйраак токтоп калды. Адинаны ата-энеси жолго узатып чыгып жанында турган. Көзү менен Каныбектин унаасын издеген Адина:

- Силер кире бергиле, өткөн машиналарга түшөм, - деди ыңгайсыздана.

- Салып койолу, биякка оңою менен машине келбейт, кетчүлөр кетип калды, - деп Тургунбай көнбөдү.

- Кете турган машина бар, ата, ала кетмек болгон.

- Ким экен? - Атасы Адинаны ормойо карады.

- Ылдыйкы айылдык таксист, өткөндө ошону менен келип, бүгүн кетээримди айткам.

- Аа-а, жакшы болгон экен, - деп койду Тургунбай.

- Келбей калсачы? - Асылай кызын сынай карады.

- Келбесе дагы бирөө келээр, апа, - деп ата-энеси менен коштошуп жөнөтөөр замат ылдый жакты карады. Өзүн көздөй келе жаткан тааныш унааны көрүп кубанып кетти. Бир аздан кийин Адина Каныбектин жанында кубанычтуу отурду. Узай берген Асылай: "Соо эмес, бүгүнкүгө макулдашып койгон экен, мейли эми, аман жүрсө болду", - деп үшкүрүп алып, үйүнө кирди.

- Алтыным, кандай, сагыныч тарадыбы? - деп сурады Каныбек Адинадан.

- Ооба, сен кайда болдуң?

- Бул айылга мурда келгем, алма-картөшкө жыйнап кетчү бир кардар таанышым бар, ошонукунда болдум.

- Жакшы болду, атамдар күмөн ойдо калды окшойт, бирок абдан кубанып калышты, кетирбегенге аракет кылды, мен болбодум.

- Ырас кылгансың, мен сени кетирбей койобу деп коркуп жаттым, - деп айылдан узай берип машинаны токтотуп, сагынгандары жазылганча бир топко өбүшүп отурушуп, кайра жолго чыгышты.

- Шаарга кете тургандар болсо салып албайлыбы? - Адина Каныбекке кайрылды. - Бул жактан түз чыкканга адамдар кубанышат, таксилер аз да.

- Ма-акул, жаным, сен не десең ошол, - деген Каныбек маңдайкы терезесине "Бишкек" деп жазып койду. Көп өтпөй эле кокту өрдөй жайгашкан айылдын төмөн жагынан кардар чыгып, салып алышты. Ошентип Адина өзүн абдан бактылуу сезип, үйүнө келишти. Каныбек аны боюна болгондон бери эч нерсе жасатпайт, эрмегине китеп, газета-журнал алып келип берет, анан дивиди коюп берет. Чалкалап диванда кечке жатат. Каныбек күндүзгүсүн таксовать этип кечинде келет, ал жокто Адина газга чай коюп, ичип отура берет. Бир күнү Адина Жаңыл эжесине чалды.

- Алло, бул ким? - деди Жаңыл чоочун номурду карап:

- Алло, эже, кандайсыз?

- Сен кимсиң?

-Тааныбай жатасызбы? - Адина кыткылыктап күлүп койду.

- Айтпайсыңбы күлбөй, - Жаңыл жиндене кыйкырды.

- Мен…

- Кимсиң дейм?

- Жаңыл эже…

- Адина, бул сенсиңби, Адина?

- Ооба, эже…

- Сен кайдасың?

- Айылдамын.

- Калп айтпа, - деп Жаңыл жини келе урушуп кирди. - Кайда экениңди айт, азыр мен барам!

- Тамаша, сүйлөшүп турам ээ, эже? - деп өчүрүп койду. Кечинде Каныбек келип тамак жасап, экөө тамактанып отурганда эшик тыкылдап калды. Каныбек эшик ачканы жөнөдү. Адина коркуп кетти. "Жаңыл эжем таап келип калдыбы, кантип тапты экен?", - дегиче болбой Каныбек бирөө менен кобурашып кирип келди.

- Адина, бул менин иним, аты Жаныбек, - деп инисине кайрылды. - А бул Адина, жеңең болот.

- Жакшы, атамдар салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Алар эмне деп атышат?

- Эмне демек эле, туура болду деп кубанып калышты.

- Ошондой болорун билгем, - деп Каныбек маңдайы жаркып сүйүнүп атканда Адина тамак куюп келип, Жаныбектин алдына койду.

- Тамактан алыңыз.

- Рахмат.

- Иним, кандай анан, балдар чоңоюп жүрөбү, келин жакшы жатабы?

- Баары жатышат.

- Ширин барган жокпу?

- Барган, биз сенин дарегиңди билбейбиз дедик.

- Эмне дейт анан?

- Аял алса деле мейли, мен каршы эмесмин, келип кетип турсун. Эгерде келип менден өтүнбөсө ЗАГСы жок жашай берсин, мен уруксат бербейм дейт.

- Мен аны менен эсептешпейм, эгер эсептешсем бүт мүлктү бөлүп алып койом, өзүнө жаман, - деди Каныбек тиштене.

Адина тамак ичилип бүткөндөн кийин идиш-аягын жыйнап, жууп, анан бөлмөсүнө кирип жатып алды. Каныбек иниси менен сүйлөшүп отурду:

- Демек Ширин ошентти де, мен аны менен соттошууга арыз берсем баарын бөлүүгө туура келет. Кенже баласын мага жаздырып койгон, ошону бетине кармашы мүмкүн, баары бир мен анын балам эмес экенин айтып, ЗАГСты кестирип алам. Менин мал-мүлкүмдү уруш-талашсыз бөлсүн дагы арыз берсин, ушуну ага эскертип койгула, мен Адина төрөгөндөн кийин барып бүтүрөм.

- Макул, сиз өзүңүз бүтүрүңүз, апамдар келебиз дешти, - деп Жаныбек айтканда Каныбек:

- Жо-ок, азыр койо турсун, төрөгөндө келишсин, - деди.

- Макул, айтып барам.

- Ширинге менин телефонумду айтпагыла.

- Ооба.

- Болуптур, тынч эс ал эми.

- Жакшы жаткыла, - деп Жаныбек уктоочу бөлмөгө кирип кетти.

- Жаттыңбы, Адина? - Каныбек кирип жанына келди.

- Ооба.

- Уйкуң келген жокпу?

- Жок, кино көрүп жатам, сонун сериал экен.

- Кызыгып көрүп аткансың го? - Кучактап өөп койду. - Жактыбы?

- Аябай.

- Алтышкам десе, сага жакса эле болду.

- Деги чет элдик сериалдар жакшы жүрүп жатат ээ?

- Жетишкен өлкөлөр да.

- Бизде эмнеге мындай тарта алышпайт?

- Каражат жетишпейт, анын үстүнө азыркы ырчы-актерлор тажрыйбасы, таланты жок эле акчасы барлары чыгып жатпайбы. Алар бир кезде калып калчулар да, убагында акча тапканга умтулгандар.

- Чын эле, өзүбүздүн кинону кээде көргүң келбейт, андан көрө эски кинолорубуз жакшы, кыйын актерлердун көбү өтүп кетпедиби…

- Анда союздун күчтүү кези болчу, канчалаган актерлорду тарбиялап чыгарган, талантын сынап көргөн. Азыр эмне съемкага, тартууга акча төлөгөндөрү чыга калып, жаңы кинонун көбү супсак.

- Кой, жаным, уктайлы ээ?

- Уктай бер, азыр он экиде түрк сериалы болот, ошону көрөм, - деп Адина пульт менен телевизоду которуп кирди.

- Жакшы жат, эркем.

- Өзүң дагы. - Каныбек Адинаны кучактап көзүн жумду. Эртеси Адинаны ойготпой эле Каныбек ысыткан тамакты иниси экөө ичип алып, үйдөн чыгышты.

- Менден атамдарга салам айт, келинге дагы, балдарды өөп кой, буга белек-бечкек алып ал, - деп бир кагаз миң сом сунду.

- Макул, жакшы тургула. - Жаныбек Ошко кетчү таксилерге карай кадам таштады.

Адина үйдө жаткан, бир кезде эшик ачылып орто жашаган аял кирди. Каныбек кайра келген го деп Адина козголбой жата берди.

- Бул үйдө киши барбы? Аа-а, сен барсыңбы? - деди аял ага мыскылдуу күлүп. - Жаңылбасам Каныбектин токолу сенсиң го?!

- Эмне дейсиз?

- Токолусуңбу дедим, эмне жаман угулдубу?

- Мени токол деп ким айтты сизге?

- Эмне, токол болбогондо киммин деп ойлойсуң өзүңдү? - деп аял аны айлана басты. - Аялы бар кишиге тийип алганыңды билесиңби?

- Оозуңузга карап сүйлөңүз, мен токол эмесмин, аялымын! - деди Адина чыйрала. - Эмнеге бу жерге келип ар кайсыны сүйлөйсүз, кимсиз өзү?

- Менби? - деди аял анын маңдайына келип. - Мен Каныбектин никелүү аялымын, сендей жолдо жүргөн сойкуга алданган күйөөмдү кайрып алууга келдим. Ушундайда сыйың менен үйдөн чыгып кетпесең сүйрөп чыгарам, менин атым Ширин, уктуңбу, Ширин?! - деп кыйкыра Адинаны жаакка чаап жиберди. - Сен, шерменде, күйөөмдү азгырбай жолуңа түш!

- Мен эч жакка чыкпайм, бар күйөөңдү алып кете бер, бул менин үйүм, эч кимдин акысы жок мени чыгарганга! - деп Ширинди түртүп жиберди эле, ал Адинаны чачтан алды. Экөө бир топко жулмалашты. Акыры Адина жеңип, үйдөн сүрүп чыгаарда Ширин күч менен түртүп жиберди. Адина эс-учун жоготуп, чалкасынан суналып жатып калды. Ширин аны аттап өтүп, ичкери кирди да, жинди болгон немедей үй ичиндегилерди туш келди ыргытып, идиш-аяктарды сындырып, өкүрүп-бакырып жатты.

- Акмак, жаш катын алганды көрсөтөм сага! - деп үйдөн чыгып баратып, эч нерсе билбей жаткан Адинаны бир тээп, жырткычтай бакырып андан ары жөнөдү. - Өлүгүңдү жүктөп алып калсын, ылайым жакшылык көрбө, Каныбек! - Ширин короодон чыгып кетти. Адина көптө барып эсине келди, бирок катуу тийген башы ооруп, өйдө болоюн десе көзү караңгылайт. Жер астын-үстүн боло кайра сулк жатып калды. Ошол убакта жумушу жакшы болбой Каныбек үйгө кайткан. Босогодо жаткан Адинаны көрүп, чочуп кетти:

- Адина! Адина, сага эмне болду? - деп көтөрүп ала коюп, ичке кирди. Диванга жаткырып чекесин басып көрсө, эти от менен жалын болуп турат. Тез жардам чакырды да, келгенче колун кармап жанында отурду. Тез жардам менен ооруканага жеткенде ичкери алып кирип кетишкен. Каныбек сыртта күтүп турду, жанында болгонго врач уруксат бербей койгон. Көптөн кийин чыгып:

- Сиз бара берсеңиз болот, эртең мененкиге чейин өзүнө келет. Башынан катуу травма алган, нервке да доо кеткен көрүнөт, толук анализдеп көрүп, анан дары-дармекти күчтөп беребиз, азырынча айтуу кыйын, - деди врач.

- Мен жанында болушум керек…

- Жок, кереги жок, биерде карачу сестралар бар, - деп врач ары басып кетти. Каныбек атайын палатага баш бакты. Колдорунда укол сайылып, жасалма дем алдыргыч менен боппоз болуп Адина жатат. Аны карап отуруп, "Эмнеге мындай болду, кандайча жыгылып калдың, жаным, эгер сага бирдеме болсо мен дагы жок болом. Көзүңдү аччы, Адина, мага баягыңдай жадырап сүйлөп берчи, өзүңө келчи, алтышкам, сенсиз менин жашоом караңгы түнгө айланаарын түшүнчү", - деп буркурап ыйлап жатканда медсестра кирди.

- Көп кыйнабаңыз, сүйлөгөн сөзүңүздү түш көргөндөй элестетип баарын угуп турат, андан көрө бара бериңиз.

- Мен жанында эле болоюн.

- Жок, болбойт.

Каныбек башын жерге сала үйүнө жөнөдү. Үйдө баары ачык-чачык экенин эми байкады. Карды ачып ашканасына башбакты, кирип эле оозу ачылып босогодо туруп калды. Идиштердин баары талкаланган, чайнектери ар жерде тоголонуп жатат, үстөлдүн үстүнө жабылган кленка сыйрып ыргытылыптыр. "Эмнеге минтти, мага тийгенине ачууландыбы, өзүн-өзү өлтүргүсү келдиби, мага чыдабай ушуга барган экен", - деп катуу ойлонду, ичиндеги баласын аман төрөсө экен деп тиледи. Түнү бою үй ичиндеги талкалангандарды тазалап чыгарып, уйкусу келбеди. Ойлордон башы катып, Адинанын кылыгына таңгалып жатты… Ширин эки күн мурун Жаныбектин изине түшкөн. Артынан аңдып жүрүп үйүн көрүп алган. Ал күнү кетип калып, "Сениби шашпа, менден кутулгуң келген экен. Сага бирди көрсөтпөсөм Ширин атым өчсүн", - деп эртеси Каныбек иниси экөө кеткенден кийин жашырынып келгенин Каныбек кайдан билсин. Таң атпай шам-шум этип алып, ооруканага келсе, Адина өзүнө келип көзүн ачып жатыптыр. Каныбекти көрүп медсестра:

- Сизди врач кирип кетсин деп жатат, - деди сыпайы.

- Рахмат, алды менен келинчегиме кирип чыгайын, - Каныбек палатага кирип Адинаны өпмөк болду эле:

- Сиз.., сиз кимсиз?! - деди жүзүн колдору менен калкалай көздөрүн алайта.

- Адина. Бул мен эмесминби Каныбек, акыбалың дуруспу? - деп керебетке отуруп колун кармайын дегенде Адина колун тартып алды:

- Каныбек, мен сизди тааныбайм, кетиңиз азыр, мен сизди көргөн эмесмин, кетиңиз деп жатам! - деп бакырып киргенде Каныбек таңгала ордунан турду.

- Адина, өзүңө келчи, мен сенин күйөөң эмесминби, эстечи, алтыным, ачууланбачы мага, - деп тынчтандырмак болгондо аялы ого бетер бакырды:

- Кет дейм, мен эч кимди тааныбайм, ке-ет!

Медсестра кирип келди.

- Сиз чыгып туруңуз, - деди да, Адинага тынчтандыруучу укол сайды. Каныбек эмне кыларын билбей коридордо ары-бери басып турду. Анан врачтын кабинетин тыкылдатты, ал жалгыз отурган.

- Уруксат бекен?

- Кириңиз, аа-а сизби? - деп башын көтөрдү Сейит Барктабасов. - Отуруңуз.

- Мен эчтекеге түшүнбөй калдым, эмнеге мындай болушу мүмкүн, мени тааныбаганы кандай? - деп кабатырланган Каныбек врачты суроолуу карады.

- Да-да-а, ошондой болуп жатат, нервге катуу таасир эткен нерсе бар, сиз капа кылган белеңиз?

- Жок-жок, капа кылмак тургай көзүн карап турчумун, - деген Каныбек баарын түшүндүрүп айтып берди.

- Эмесе мындай, биз жакшылап текшеришибиз керек, кимдир бирөө капа кылышы мүмкүнбү, үйүңүздө кимдер бар?

- Эч ким, экөөбүз гана.

- Түшүнбөй турам, бул кыз катуу капаланган, башы катуу тийген, ошондуктан мээге таасир берип, баарын эстөөгө акылы жетпей жатат. Аздап өзүнө келиши мүмкүн, ал үчүн биз жакшылап текшеришибиз керек, - деди врач ойлуу.

- Деги өзүнө келеби, же ушул бойдон калышы мүмкүнбү?

- Андай болушу да мүмкүн, ден-соолугуна жараша, баса, кечиресиз, баланы биз сактай албай калдык, түндө түшүп калды…

- Кантип? Баланы… - Каныбектин кулагы туна түштү. "Мен ошол үчүн жүрбөдүм беле, баланын жытын искеп, үнүн угам деген чоң үмүтүм кайда?", - деп томсоруп отуруп калды. Оозуна сөз кирбеди, Адинанын курсагын сыйпалап, "Уулумду жакшы бак, сыртка чыккандан кийин өзүм багам, эптеп колума салып көзүмө көрсөтчү, алтышка", - дегенин эстеп, көзүнө жаш тегеренди. Бала болуп ыйлап көргөн эмес эле, ушул ирет көз жашынын куюлганын сезбей дендароо болуп тура берди.

- Кечириңиз, аялыңызды бирөө катуу түрткөн, урушуп капаланткан, түрткөндө каракушу катуу тийип, ага нервтенгени кошул-ташыл болгон…

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Анда көптөн бери кыйнаган ою бар, катуу стресске кабылган, биз аракет кылабыз, тереңдеп текшеребиз, - деп Сейит Барктабасов ордунан турганда Каныбек артынан чыкты.

- Сиз азырынча көрүнбөй койо туруңуз, бизден угасыз, азырынча биздин карообузда болот.

- Макул, - деген Каныбек жашоосунда эмне болуп жатканын түшүнө албай ооруканадан чыкты. Адинанын күнөөсүз баланыкындай көз карашы, күлкүлүү жүзү, кыял-жоругу, эмелеки бетин басып алып бакырганы көз алдынан кетпей бушайман болуп келатты. Үйүнө келип, короого кирип эле делдейип туруп калды. Дарбазасы кулпуланчу эмес, оңдогонго убакыт болбой жүргөн. Машинасынын айнектери талкаланып калыптыр. Кайра артка кайрылып, коңшуларынын эшигин такылдатты.

- Сизге ким керек? - деди жаш келин ачып.

- Мен тиги үйдүн ээсимин, эртең менен үйдөн чыккам, келсем машинамдын айнектери талкаланып калыптыр, бирөө жарымдын киргенин байкаган жоксуңарбы?

- Жок, көргөнүбүз жок.

- Кечириңиз, - деп кайра жөнөдү. "Ким талкалады, менин душманым деле жок эмеспи, ким болушу мүмкүн, Ширин болуп жүрбөсүн? Жо-ок, ал келсе мага жолукмак, анда ким болуп кетти?", - деп эси эки боло короосуна кирип машинасын тегерене карады. "Ким болушу мүмкүн?", - деп миң ирет өзүнө-өзү суроо бергени менен жооп таба албады. Сынган айнектерин тазалап, ирээтке келтирип, анан СТОго айдап барды. Айнек заказ кылып, ремонтко таштап коюп базарга кирди, тамак-аш көтөрүп кайра келсе, үйдүн айнек-терезесин сындырып, каалгасын талкалап кетиптир. Жини келип эмне кылаарын билбей коңшуларын бүт чогултту. Алар бул жигитти таңдана карап сөз күтүп калышты.

- Мен сиздерден бир нерсени сурамакмын, - деди Каныбек баарын айланта карап. - Үч-төрт ай мурун бул үйдү сатып алган элем, эмне болуп жатканына түшүнбөй да калдым…

- Эмне болду, жигит, көп маалкатпай ачыгын айтсаңчы? - деди орто жашаган адам.

- Эки күн мурун аялым эс-учун билбей жатып калып, азыр ооруканада, агүнү идиш-аяктарым талкаланыптыр эле. Бүгүн машинам менен үйдүн терезе-каалагалары талкаланды, бирөө жарым киргенин көргөндөр барбы? Кандай адам мага каршылык кылышы мүмкүн?

- Касташканың жок беле?

- Ким кирип-чыкканын карап турганыбыз жок да, - дешип, кошуналары ийин куушурушту.

- Касташканым болчудай, туугандар, же мен депутат болбосом, же бир кызматчы болбосом…

- Ким билет?

- Мурдагылар тынч эле жашашчу, мындай болушу мүмкүн эмес.

- Өзүңдүн күмөнүң жок беле? - дешип, Каныбекти ээрчий келип таңданып калышты. Каалганы өчү бардай балталаган экен. Айнектер быркыранып жерде жатат.

- Кудайга тобо-о, өчү бар немедей талкалаптыр, - дешип, жакаларын карманып тим болушту. Дал ушул кезде Ширин чоң сумкесин көтөрүп, көчөнүн аркы бетинде кетип бараткан. Короодогу топтошкон элди көргөндө мыйыгынан жылмайып алды. "Бул башталышы гана, жаш катын алганды көрсөтөм сага". Каныбек аны кайдан байкасын, жаны кашайып турган. "Баарын ремонттош керек, адегенде дарбазаны бүтүрөйүн, болбосо дагы бир балээни кылат. Аңдып туруп кармап алсамбы, ким экенин билсем оңдурбайм", - деп жини келип, тишин кычырата коңшуларын узатып, кайра кирди. Дарбазаны айландыра карады, эскилиги жеткен немени оңдотом деп уста издеп убара болгончо жаңы дарбаза койойун деп чечти. Ошол эле күнү старый толчоктон жаңы дарбаза жүктөтүп келип, орнотту. Кулпуланып калганына кубанып, "Эми эчтеке кыла албайт", - деген ойдо ооруканага жөнөдү. Ал келсе Адина керебетинде шыпты телмире тиктеп жаткан экен. Чочулай сыртта бир аз турду да, эч нерсе болбогондой кирип келди:

- Адина, акыбал дуруспу, жаным?

- Сиз кимсиз? - Адина өйдө боло кабагын тырыштырып суроо берди.

- Мен Каныбекмин да, Адина, ал-акыбал жакшыбы, алтыным? - деп жылмая керебетке отурмак болгондо:

- Мен сизди тааныбайм, мен Адина эмесмин, сиз жаңылып жатасыз, - деди жаңы көрүп жаткан адамдай карап.

- Адина, өзүңө келчи, жаным, сен менин аялымсың, - деп баратканда бакырып жиберди:

- Ка-алп, сестра, сестра-а!

- Сиз эмнеге кирдиңиз? - деди кирип келген сестра. Адина бетин басып калтырап калган, кадимки карышкырдан корккон бөжөктөй буту-колун бүрүштүрүп алган. Дагы зээни кейий палатадан чыгып, врачка кирди Каныбек.

- Кел, жигит, - деди Сейит Барктабасов көз айнегин чечип.

- Келдим, - Каныбек оор дем ала отургучка көчүк басты. - Деги эмне болуп жатат, доктор, ушул бойдон кала береби?

- Сиз туугандарын чакырыңыз, эгер аларды тааныса, анда бир нерсени аныктоого болот.

- Эмнени?

- Жок дегенде таанышы же бир жакыны болсо чакырыңыз, - деди башка сөз укпагандай врач.

- Эч кимиси жок.

- Анда күтүшүбүз керек, эсине сала тургандай бир окуяны же жашоосунда болгон нерселерди эстетүүгө аракет кылышыбыз керек.

- Кандай болгон окуя?

- Эми-и сиз түшүнөсүз да, сиз үйлөнгөндө же бир туулган күнүндө белек бергендирсиз, ошондо кубанган чыгаар. Баары дал ошондогудай маанайда болушу керек. Кабатырланбаңыз, азырынча абалы жакшы. Сиз үйүңүздү кадимки ошол күндөгүдөй кылып даярдаңыз да, көрүнбөй туруңуз, биз аялыңызды үйгө алпарып сырттан карап турабыз. Дасторконуңуз дал ошол күнкүдөй болсун, ал киргенден кийин сиз белегиңизди алып күлүп-жайнап жанына барыңыз, - деди Сейит Барктабасов.

- Качан?

- Эртең, бүгүн кеч болуп калды. Сиз бизди күтүп турасыз, баары көз алдыбызда болгону оң. Бул аракетибиздин акыбети кайтып калса ажеп эмес, - деди врач. Экөө дагы көпкө сүйлөшүштү. Каныбек үйүнө жөнөөр алдында Адина жаткан палатаны кыңайта ачып, акырын шыкааласа аялы уктап жаткан экен. "Байкушум ай, эмне кылышым керек? Ата-энеси билсе мени соо койбойт, аларга билгизбей дарылатып сакайтайын. Эмне болуп кетти буга?", - деп санааркай ооруканадан чыкты. "Дагы эмне болуп кетти экен?", - деген күдүк ой менен үйүнө келсе баары тынч эле экен. Ширин бул кезде коңшуларынан тартынып келе албай ары-бери өтүп жүргөн. Каныбектин келатканын көрүп караанын алыстатканча шашты. Каныбек ойго бата башын шылкыйып келатып, аны байкаган деле жок, анын үстүнө Ширинден күмөн санабады. Терезелерин салып, каалгасын оңдоп, нике кыйдырган күндү көпкө ойлонуп отурду. Анан ошол күнкүдөй үстөл үстүнө гүл алып келип койду, жасалгасы да, койгон тамак-ашы дагы ошондой эле. Сынган идиштерин эстеп базардан жаңысын сатып келип, орду-ордуна койду. Газга чайнек коюп, өзү берген чынжырдын кабын алып даярдады. Анан нике кыйган жаш молдону чакырып келип ага иштин чоо-жайын түшүндүрдү. Анан Сейит Барктабасовго телефон чалып, алар келатканда төркү бөлмөгө жашынып турду. Адина тез жардам унаасынан түшүп жатып, сестрадан сурады:

- Кайда келдик?

- Сенин үйүңө.

- Аа-а, - деп койду Адина кайдыгер. Анан дарбазадан кире берип короонун ичин айландыра бир карап алып үйгө башбакты. Босогодо турган туфли менен Каныбектин бут кийимин делдейе бир топко карады. Кире бериште илинген өзүнүн халатын көрүп кармалап, анан ички бөлмөгө кирди. Үстөл үстүн, төрдө отурган молдону көрүп ого бетер оозу ачылып, ашканага кирди. Аяктагыларды көрүп, көзүн жума койду. Ошол кезде Шириндин: "Токол", - дегени гана кулагына жаңырып, ашканадан атып чыкты, анан молдону карады:

- Сиз биерде эмнеге отурасыз?

- Менби, мени нике кыйдырам деп Каныбек алып келбедиби, кайда жүрөт ал? - дегенде Каныбек ошол күнү кийген кастюм-шымчан, чачын артка тарай ички бөлмөдөн чыга калды:

- Мен бияктамын, кана, Адина, мен сага белек дайындагам, жагабы сага? - деп жылмая чынжырчаны колуна ала ага жакындады. - Келчи, жаным, тагынып көрчү, жарашат бекен? - Үнсүз таңыркап турган келинге жетип мойнуна тагып жатканда: "Сен токолсуң, аялы бар кишиге тийгениңди билбейсиңби, сен токолсуң", - деген сөз кулагына жаңырды. Эки кулагын басып, көзүн жума:

- Жо-ок, мен токол эмесмин, калп айтпагыла, мен токол эмесмин! - деп артка кетээнчиктеп барып жыгылып кетти, Каныбек аны кармаганга үлгүрбөй да калды. Адина болсо жер чапчып бакыра берди. Медсестра менен врач аны менен алек болуп, диванга жаткырып укол сайышты. Каныбек дел болуп турду: "Эмнеге антет, токолсуң деп ким айтты, бул жерде бир сыр бар, Шириндин кесепети болсо керек, сени шашпа", - деп эсине келе Адинанын жанына барды. Ал укол салгандан кийин шалдайып жатып калган.

- Көрдүңүзбү, кимдир бирөө жаман айткан, атүгүл жемелеп урушкан, чачтары түшүп жатат, балким жулунган, - деди врач.

- Түшүнбөй да калдым, - деп күңгүрөндү Каныбек.

- Сиз байкаңыз, балким мурунку аялыңыз келген болуп жүрбөсүн?

- Ошого түшүнбөй, ишене да албай турам, ал бул үйдү билчү эмес…

- Адам баарын жасайт, колунан баары келет, сиз жаш аял алып алсаңыз ич күйдүлүк кылгандыр, мүмкүнчүлүк таап сиз жокто келгендир?

- Балким…

- Азыр уктап жатат, эгерде ойгонгондо дагы сизди тааныбай турган болсо бизге чалыңыз, этият мамиле кылыңыз, себеби мындан дагы жаман акыбалга түшүшү мүмкүн. Мээге жаман сөздөр орноп алып терс таасирин тийгизгени көрүнүп турат, - деди врач уктап аткан келинден көзүн албай. - Биз кетишибиз керек, ар бир оорулуунун жанында болгонго бизде врачтар жетишпейт, - деди да, сестрага карады. - Даярсызбы?

- Канча саатта ойгонушу мүмкүн? - деп сурады Каныбек.

- Үч сааттан кийин ойгонот, көзүн ачканда мурункудай эле мамиле жасаңыз, ошондо да аярлаңыз.

- Жарайт, - деп молдо менен врачтарды узатып чыкты. Алар кеткенден кийин өзүнчө оор улутуна үйгө кирди. Абайлап аялынын жанына барып, көпкө тигилип карап турду. - Сага жамандык кылгандын акмактын тилеги катсын, сен анын балдарындай элесиң, ушуга кантип дити барды? Өзүңө келчи, анан аны өзүм териштирем, - деди күңгүрөнө. Анан үй ичинде аркы-терки басып жүрдү. Кардынын ачканы менен да иши жок, Ширинге кыжыры кайнап жанын койорго жер таппайт. Кеч күүгүмдө Адина козголду, үнсүз карап турган Каныбек жанына отура калды. Адина көзүн ачып эки жагын карана:

- Сен үйдөсүңбү? - деди эч нерсе болбогондой.

- Ооба, жаным, мен үйдөмүн, - деп аярлай жооп кылды Каныбек.

- Уктап калган турбайымбы? - Адина өйдө болду. - Суу ичким келип жатат.

- Азыр, жаным, суу алып келип берем, - деп Каныбек кубанганынан шыпылдай ашканага жүгүрдү. Адина укол сая берип көгөргөн колдорун көрүп: "Мага эмне болгон", - деп таңгалды. Чыныга суу алып келаткан күйөөсүнө суроолуу тигилди:

- Мага эмне болгон?

- Ыя? - Каныбек чочуп кетти, дагы бакырып ийеби деп коркуп жанына отурду. - Суу муздак да, чай койойун, ысык чай иччи.

- Жок, ичим ысып жатат, башым салмактанат, - деп суудан ууртап алып, чалкасынан жатып калды.

- Тамак жасайын, ысык ичесиңби?

- Жок, эчтекеге көңүлүм чаппай турат.

- Мейли, жатып эс ал, - деп Каныбек ары жакта турган дарыны көрө койду. - Дары ичесиңби?

- Жок.

- Башың ооруганда ичкенге… - Сөз таппай калды.

- Качан алып келдиң?

- Жана эле…

- Берчи, ичим да эзилип ооруп жатат да, - деп Адина эмне болгонун билбей өзүнчө ойго батты. Ал унчукпай калганда Каныбек ашканага кирип тамак жасап, чай коюп убараланып, жүрөгүн эзген ойлордон алаксып жүрдү. Улам Адинанын жанына келип, кайра кетет. Ал бир колун жаздана шыпты тиктеп чалкасынан жата берди. Аз-аздап ойлонуп жатып Ширинди эстеди, анын айткандары кулагына кайта жаңырганда:

- Каныбе-ек! - деп тура калды, бүткөн бою калчылдап кеткен. - Каныбек! - деп чаңырып жибергенде эри жетип келип кучактады.

- Адина, эмне болду сага, тынчтанчы, жаным.

- Каныбек, мени токолсуң деди, токол деди! - деп калчылдаган Адина жаш толгон көздөрүн чакырайтты.

- Ким, алтыным, ким айтты?

- Ширин, сенин аялың, мени кет деди!

- Койчу, ал кайдан, кантип билди биерди?

- Билбейм, мени жалгыз таштаба, ал мени өлтүрөт, Каныбек! - деп корккондой эшикти алаңдай карап, сүйлөй берди.

- Болду, болду, жаным, мен жаныңда болом, эч жакка кетпейм, - деп Каныбек Адинанын чачтарын сылап бетинен өөп тынчтандырды. Адина улам азыркы айткандарын кайталап эшикти көрсөтөт. Ага акырын дарыдан ичирип, анан көпкө кучактап отурду. Дары ичкенден кийин Адина бир азга жоошуй түшүп үндөбөй калды. Каныбек иштин жайын эми толук түшүндү, машинаны, үйдү талкалаган дал ошол Ширин экенин билип жини келди. Адина унчукпай колтугунда тунжурайт, бири-биринен сактанып сүйлөбөй кыйлага отурушту. Тээ бир топтон кийин Адина:

- Эмнеге ал мага ушунчалык кордук жасады? - деди.

- Аны ойлонбо, жаным, эми аны бул үйгө келгис кылам, мага ишен, - деди Каныбек ишенимдүү. - Мен анын келгенин билбей калбадымбы.

- Эмнеге, эмнеге ал мени токол деди?

- Айта берет, аны көңүлүңө алба, жаным, ичи күйсө керек, сендей супсулуу кыз күйөөсүн тартып алса ичи күйөт да. Ойлонбо, алтышкам, аны мен унчукпас кылам, - деп жайгарды Каныбек, бир-эки сааттай отуруп, анан Адина унчукпай калганда туруп барып караса, тамагы эбак эзилип бүтүп калыптыр. Чоң чыныга куюп келип аялына сунду:

- Жүрөгүмө эч нерсе баспайт.

- Жо-ок, алтышка, антпей ичишиң керек, болбосо ооруп каласың, мен сенин ден-соолугуңдун чың болушун каалайм. Аялым күчтүү, эрктүү болушу керек, баарына туруштук бериши зарыл, сен менин жанымдын жартысысың билсең, - деп тамакты суутуп, кашыкка сузуп оозуна такады. - Кана, а-ап деп койчу эми.

- Мени жаш баладай алдайсың да. - Адина таарына түштү.

- Сенби, сен менин кичинекейимсиң, эркетайымсың, уктуңбу? Качан балалуу болгондо сени карабай баламды эркелетем, - деп күлүп, кашыкты оозуна алып барды. - Кана эми оймоктой оозуңду ачып койчу.

Адина эрин күлө карады.

- Болдучу эми.

- Жо-ок болбойт, дагы ичишиң керек.

- Каныбек, менин ичким келбей жатат.

- Ичесиң, сен ачка болдуң, канча сааттан бери уктап жаттың, кардың ачты, - деп улам кашыктап жатып бир чыны тамакты ичирип болду.

- Жатайынчы, - деп Адина жатып калды. - Жаным жер тартып турат.

Каныбек жанында үнсүз карап турду, Адина көп өтпөй эле жаш баладай бышылдай уктуп кетти. Үстүн жылуулап жаап коюп, ашканага барып жалгыз отуруп тамактанды. Бутунун учу менен басып улам Адинаны карап кетет. "Акмак, Адина бир азга жакшырып калса сага берди көрсөтпөсөмбү, эчтеке талашпай койойун десем да өзүңө-өзүң кылдың, кайдан таап алды, акмак, жүрбөгөн жери жок", - деп Шириндин үйүн таап келгенине башы маң. Адинанын ойгоноор түрү жок, Каныбек анын жанына төшөк салып кыйшаймак болду. Канча жатканы белгисиз эшик катуу такылдаганынан туруп барып ачса, он чакты адам туруптур.

- Ой балам, тиги тамың өрттөнүп жатат, өрт өчүргүч чакырдык, бол эшикке чык! - деди бири аптыга. Шашыла бутуна илингенин кийип чыга калса, времянканын чатыры жалындап жатыптыр. Ал времянкага кирип да көрө элек болчу.

- Капырай, балам, сенин бир өчөшкөнүң бар, болбосо ким өрттөдү муну? - деди бир аял.

- Ошону айтсаң, бирдеме бар, ботом, - дешип эшиктин алдындагы крандан суу алып келип чачып атышты. Бири шланг менен чачып жүрөт, караса ар биринин колунда чака-чайнек. Каныбек кошуналарына ыраазы болуп турду. Бир кезде ызы-чуу түшүп өрт өчүргүч келди, дарбазаны ачып, ичке киргизип заматта өрттү өчүрүштү. Антип-минткиче таң да атып кетти. Каныбек шалдырай үйгө кирип кыңкайды. "Бул эмне деген аял? Ал жалгыз эмес, жанында бирөө болушу мүмкүн, мен ага мынчалык эмне кылдым, менден эмне керек? Тынч жашоо бербейт экен го, бул акмак", - деп ойлонду да, инисине телефон чалды. Алар жаңы гана турган экен.

- Алло, Жакы, сен үйдөсүңбү? - деди Каныбек чарчаңкы үн менен.

- Ооба, эмне болду, аке?

- Сен Шириндин кайда экенин билчи.

- Эмнеге?

- Керек.

- Аа-а макул, - деди Жаныбек уйкусурагандай. - Жайчылыкпы?

- Ал мага тынчтык бербей жатат, жакшылап байка, эгер айылда жок болсо мага билдир, - деп болгонун айтып берди.

- Болуптур.

- Сен ага биздин жашаган үйдү көрсөткөн жок белең?

- Жинди белем, ал мага жолуккан дагы эмес.

- Мейли, мага анын дайнын айт, атам менен апама менден салам айт, - деп телефонду өчүрдү. Аңгыча Адина ойгонду, көзүн ачып Каныбекти карады, ал үргүлөп кеткен эле. Адина туруп эшикке чыкмак болду. Чыгып баратып босогого келгенде башы айланып, көзү караңгылай түштү. Дубалды сүйөнө туруп калды, көз алдында албууттанган Ширин бөйрөгүн таянып алып, "Токолсуң, аялы бар эркекке тийгениңди билбейсиңби?", - деп кулак тундура айкырды.

- Аа-ай! - Адина эки кулагын алакандары менен басып чыңырып ийди. Каныбек жүгүрүп чыгып кармап калды.

- Адина, жаным, сага эмне болду? - деп калчылдаган Адинаны кучактап алып үйгө көтөрүп кирип, врачка телефон чалды. Аялын жакшылап дарылатпаса болбосун түшүнүп турду, катуу коркуп калганын тура. Зээни кейип, боору ачып кетти. "Жаш немени катуу коркутуп койгон экен, убалы жетсин", - деп тез жардам менен ооруканага алып барып жаткырды, өзү жанында.

- Мен жаныңдамын, алтыным, сен коркуп калыпсың, эми сени эч качан жалгыз таштабайм, өзүңдү кармачы, - деп ичи өрттөнүп кете жаздады.

- Каныбек, мени таштаба, жалгыз калтырбачы, корком мен, Ширин келип калат, - деп тыбырчылай берип суй жыкты, акыры укол салгандан кийин ошонун таасири менен көшүлө уктап кетти. Жанында отурган Каныбекке сестра:

- Сиз бара бериңиз, түштөн кийин келиңиз, - деди.

- Жок, жанында эле болоюн, азыр жакшы эле, болгону бир сөздү кечке кайталап жатат, катуу чочуп калыптыр.

- Жанында отурганда эмне, эс ала бериңиз, чарчаганыңыз көрүнүп турат, үргүлөп жатасыз, - деди медсестра күлүмсүрөй.

- Ыраспы? - Каныбек өзүнүн үргүлөгөнүн да сезбей калган, уялып кетти. - Мен билбей калдым, чынында чарчадым, - деп ордунан турду.

- Оорулууну баккан өтө оор.

- Ошондой, чынында абдан чарчадым, - деп илкий басып палатадан чыга жөнөдү.

Үйүнө жакындаганда чөнтөк телефону чырылдады. Ал Жаныбек иниси эле.

- Алло, угуп жатам.

- Аке, Ширин шаарга кетиптир, мен барып билип келдим.

- Жакшы болду, сени менин үйүмө че йин акмалап келген экен, ошентип иштин баарын бүлдүрдү. Адинанын боюнан түшүп, ооруканада жатат, эсине келе албай кайра-кайра бакырып кыйналды, аны токолсуң дептир. Эми аны менен соттошуп, бүт мал-мүлктү бөлүшөм, - деди ачуулуу.

- Жинди неме го?

- Ошондой, мен азыр ооруканадан келе жатам.

- Жаман болуптур, капаланбаңыз, эртең апам экөөбүз чыгалы деп жатабыз, буйруса барып калабыз, - деди Жаныбек агасынын көңүлүн көтөрө.

- Макул, келсеңер келгиле, Ширин мага көп жамандык кылды, келсеңер сүйлөшөбүз, - дегенче үйүнө жетип, дарбазасынан кирди. Эшигинин алдында бир аз туруп, өрттөлгөн времянканын эшигин ачты. Күйүк жыттанган бөлмөгө башбакса ичинде бир топ буюм бар экен. Аны мурда ачып көрбөгөнүнө кейиди, кара күйүк болуп жатат. "Акмак, аял башы менен ушуга барды. Ушуну менен он жылдап жашаган мен да акмак, мындайды жүрөгү жок аял гана жасайт. Кудайдын ичи кең экен да, бейжай аялга бала берип эне атантканын кара, баладан айлангыр, ошону көргөн бала кайсы болоор экен", - деп короодо басып жүрүп ойлоно берди. Анан көңүлсүз үйүнө кирди. Адина көз алдына тартылып, анын азыркы боор оорурлук абалын ойлогондо дагы зээни кейиди. Эч нерсеге көңүлү келбей ашканага башбакты. "Мен бул үйдү сатышым керек", - деди өзүнчө. Анан сыртка чыгып "сатылат" деп астына телефонун жазып койду. Жалгыз үй ичинде ары-бери баса берип башы ооруп чыкты. Тамак ысытып ичкен соң диванга жатып, тез эле уйкуга сүңгүдү. Эки күндөн бери кирпик какпаганга катуу уктаган экен, көзүн ачса күүгүм кирип, үй ичи караңгы болуп калыптыр. Туруп жарыкты күйгүздү да, "Адинанын абалы кантти экен?", - деп, эшигин бекитип ооруканага жөнөдү. Ал келгенде медсестра Адина дагы эле уктап жатканын айтты эле, коркуп кетти. "Эмнеге мынча уктайт?", - деп палатага кирсе, аялы кара терге түшүп уктап жатыптыр, чекесиндеги чыбырчыктаган терин секин марли менен сүртүп жанында отурду. Тээ бир топто чукуранып козголду, үнсүз карап турган Каныбекти көзүн ачаары менен көрүп:

- Каныбек, чарчадың го, эс алчы, - деди жылмая.

- Эс албайм, сен жакшы болсоң эле болду, акыбал дуруспу? - Эңкейе жүзүнөн, көздөрүнөн өөп жашып кетти. - Сенин ден-соолугуңдун жакшы болуп кеткени керек мага, Адина.

- Мен жакшымын, бир аз эле кыйналып турам, ичим эле ысыйт, бөйрөктөрүм ооруп жатат.

- Эчтеке эмес, дарылансаң сакайып кетесиң, баары артта калды, жаркыным, бирдеме ичесиңби?

- Жок, суу эле берчи, - Адина кеберсиген эриндерин жалана тамшанып алды.

- Азыр, жаным.., - деп Каныбек палатадан чыга жөнөп тез эле бир бөтөлкө Легенда алып жетип келди. - Мына, ичип ал, муздак сууну аз ичсең боло?

- Ичим ысыганы эмнеси, Каныбек, менин балам билинбейт го, ал түшүп калганбы? - деди ичин кармалап. - Чоңоюп калды эле…

- Өзүң аман болсоң болду, Адина. Жашсың эми эле ден-соолугуң тазаланып кетсе өзүңө окшогон уул-кыз төрөп бересиң, алтыным, көп ойлоно бербе, - деп эңкейип өөп, башын анын башына тийгизе жаздыкка коюп, жүзүнө тигилди. - Ойлонбогун ээ, эгер ойлонуп ооруп калсаң мен капа болом. - Мурдунан чымчый эркелетип койду. - Сөзүмдү угасыңбы?

- Макул ойлонбойм. - Адина сүйкүмдүү жылмайып койду. Анын жүзүндө али балалыктын аруу жылмаюсу кете элек, ойноо секелектей сезими да таптаза, ою-дили таза эле, аны сезип-туюп турган Каныбектин ичи элжиреп кетти:

- Алтыным менин, кичинекей көпөлөгүм, мени коркутпачы, сенден эсим чыкты, күнөө менде, садагам, - дегенде үнү каргылдана жашып кетти.

- Сага эмне болду, мен жакшы элемин, - деп күлдү Адина аны башынан сылап. - Капаланбачы, мен сени кыйнап койдум окшойт?

- Жок-жок, мен кыйналган жокмун, сенин күлгөнүңдү көрүү мен үчүн кандай бакыт экенин билсең го…

- Болуптур эми, мен мындан ары дайыма күлүп жүрөм, - деп жарк эте карады.

- Ошентчи, жаным, - деп дагы оор улутунуп алды Каныбек. Экөө көпкө чейин ээн палатада сүйлөшүп жатышты, анан сестра кирип:

- Эми эс алсын, сиз бара бериңиз, - деди. - Укол сая турган маал болду.

- Жакшы жат, алтыным, - деп Каныбек аялын эки бетинен өөп, палатадан чыкты. Үйүнө келип эки жагын карап чыкты, баары жайында экен. Көңүлү жайлана ордуна келип, жата кетти. "Бул үйдөн кетиш керек, көптөн бери иштебей да калдым, машинадан кабар алайын", - деп ойлонуп жатып уктап кеткенин сезбей калды. Эртең менен ойгонсо күн тийип калыптыр, шашыла тамак жасап алып, ооруканага барды. Бүгүн Адина кадимкисиндей болуп калыптыр, керебетинде отурган экен. Экөө учурашкандан кийин Адина:

- Үйгө кетким келет, уколдон тажадым, - деди.

- Кой, дарыланып ал, жакшылап дарыланбасаң болбойт. Ичиң ысыбай калдыбы?

- Бүгүн жакшы, жеңилдеп калыптырмын.

- Мен сага тамак алып келдим, ичесиңби?

- Ичем, - деди күлүп.

- Кел, экөөбүз ичебиз, - деп Каныбек тамактан тарелкага салып, кашыкты колуна карматты. - Кана-кана алчы.

- Мына, - деп бала кыялдана кашыкты оозуна салып, тамак жеп жатып күлдү Адина. - Болдубу?

- Жо-ок, ушуну түгөтүшүң керек.

- Көп го?

- Эмнеси көп, ансыз дагы көптөн бери эчтеке иче элексиң. - Каныбек кашыкты өзү алып ичирип кирди. Өзү да рахаттана баласын тамактандырып аткан камкор атадан бетер улам сузуп оозуна салып жатып ичирип бүттү. - Аз-замат, эми жарадың, - деп ууртунан өптү.

- Мени жаш баладай алдайсың да? - деп Адина таарына тултуюп калды. - Эмнеге мени антесиң?

- Анткени сен менин кичинекей көпөлөгүмсүң, жанымдын жартысы, өмүрүмдүн жарык жагысың, - деп эки ууртунан эки колу менен кармап чоюп койду. - Мен сенсиз эч качан жашай албайм, Адина, мен үчүн ар дайым дениң сак болушу керек!

- Түшүндүм, - Аялы баш ийкеди. - Эми бара бер, азыр врачтар кирет.

- Макул, жаным, сен бар десең барам, кал десең калам, өл десең өлөм! - деп Каныбек солдатча честь берип чыкыя туруп калганда Адина оозун баса күлүп жиберди:

- Күлкүлүүсүң да, өлбөй эле кой.

- Макул, бир сен үчүн жашоого убада берем, - деп бетинен өөп-өөп алып, палатадан чыкты. "Жакшы болуп калды, кудай буйруса жаңы үйгө алып барам, бул үйдө болсо өткөндү эстей берет, баарын унуткандай кылам", - деп кудуңдап келатканда телефону чырылдады, чөнтөгүнөн алгыча өчүп, кайра чырылдай баштады.

- Алло, Жакы, жакшысыңбы?

- Ооба, биз келдик.

- Азыр жетем, күтө тургула, - деди да, жүгүрүп жөнөдү. Келсе Жаныбек менен апасы Каным дарбазанын жанында күтүп туруптур. - Оо келгиле, кандайсыңар, жакшы келдиңерби? - деп учурашып дарбазасын ачып, ичкери киришти.

- Уулум, жакшы жүрөсүңбү, садага, каттабай кеткениңден сарсанаа болдук, атаң да капаланып жатат, - деп Каным сүйлөп кирди. - Дайныңды айтпайсың, карыганда биздин да көөнүбүз тынбай кабатыр болдук.

- Ээ, апа, баары жакшы, бүгүн мен кубанычтамын, Адина кадимкидей өзүнө келип калды, - деди эшигин ачып жатып. - Кана киргиле, бир боорлошолу.

- Айла-анайын десе, кубанычыңа орток бололу, ылайым эле ак жоолугу башынан түшпөсүн, садага. Жакы, тиги баштыктарды мага бер, алып келгендерди чыгарайын, эт сасып кетпесин.

- Апам сүр алып келген го? - Каныбек күлүп койду.

- Жаңы союп берди атаң, Каным шаарда килдеп эт жейт, бир салып келин экөө оңуп калсын деп жөнөттү, балам. Силер биздин кабатырланганыбызды кайдан түшүнмөк элеңер, Какым-Жакым деп өмүрүбүздү силер деп өткөрүп келатабыз, эми ушу силердин жамандыгыңарды көргөзбөсө экен жараткан, - деп үшкүрүнүп алды.

- Апа-а, эми биз силерди багабыз. Жакы жаныңарда, мен болсо өзүмчө жашайм, ошентсе да карап турам, эч кабатыр болбогула, - деп Каныбек андан ары өзүнүн тарткан азап-тозогун, Шириндин кылыгын айтып берди.

- Өлүгүңдү көрөйүн шерменде, анын үч баласын багып, ою менен болгонуңа көнгөн неме ичи күйүп жаткан экен да, өлүп кетсин. Тим кой, балам, сотко берем деп убараланба, калган дүнүйө башы көзүңөн садага, унчукпай оокатыңды өткөрө бер, эси жок аялдын жазасын кудай өзү берсин, - деди Каным. - Эртең келинимди көрүп келейин, ага деген чо-оң белегим бар, - Каным күлүңдөй балдарын карады. - Эң улуу келиниңе бер деп чоң энеңер берген асыл буюм бар эле. - Чөнтөгүн аңтарып, илгерки тогуз кабат шуруну алып чыкты. - Бул жөн эле шуру эмес, таза акактан жасалган буюм, убагында өз баасы өтө кымбат болчу, - дегенде Каныбек күлүп калды.

- Койсоңчу, апа, муну чоң энем чачпак кылып тагынып жүрчү эмес беле?

- Ошол чоң энеңдин баалуу белеги, балам.

- Мейли, келиниңе бере бер, - деп апасын таарынтып албайын дегендей этияттана калды. - Апа, кардыңар ачты го, чай да бербей отура бергенимди кара, - деп ашканага кирип, чай койду. Бир көзүнө тамак асты, эртең менен Адинага бараарын ойлоп этти көп салды. Үчөө бир убакка чейин сүйлөшүп отура беришти. Чай ичип, тамак ичип сөздөрү түгөнбөдү. Таң агарып кетсе да жатышпады.

- Уулум, келинчегиң өтө жаш дейт, этият бол, ата-энеси бар бекен?

- Бар, апа, бир туугандары деле бар, жашырынып жүрөбүз, - Каныбек жер карады. - Эгер билсе каршы болобу деп.

- Өзү эмне дейт, мамилеңер жакшы элеби?

- Жакшы, апа, өзүнүн көңүлү түзүнөн жашап жатабыз.

- Анда көп кечиктирбей бетин ачыш керек, уулум, канча жашта?

- Он алтыга жаңы толду.

- Жаш экен, эне сүтү оозунан кете элек тура, кудай насибиңерди узак кылып, бактылуу болсоң болду. Бала-чакалуу болуп өмүрүңөр узун болсун, садага, келиниме деген жоолугумду дагы эстеп алып алайын. Тамагыңды ысыгында даярда, балам, ооруну эрте барып көрүш керек, - деп Каным камына баштады. Каныбек тамагын белендеп, үчөө үйдөн чыгышты. Алар ооруканага келгенде оорулуулар тамактанаар маал болуп калган. Адина өзүнө келгенден кийин жанына эки аялды жаткырышкан, алар ашканага кетип өзү жалгыз жаткан. Эшик ачылып Каныбектер киргенде өйдө боло калды.

- Кандай, Адина, жакшы уктадыңбы? - Каныбек адатынча аялын кучактап өппөй, апасынан тартына жөн гана сурады. - Адина, бул менин апам, - деди жылмайып.

- Кандай, айланайын, жакшы болуп калдыңбы? - деп Каным келип чекесинен өптү, мөлтүрөгөн жакшынакай келинине ичи элжиреп, - Кел, садага, башың агарып, ден-соолугуң таза болуп, уулумдун өмүр шериги, түгөйү болуп түбөлүк кол кармашып, узак жашагыла, ылайым этегиңден айтып агартып уул, кызартып кыз тууган ак жолтой ак жүздүү келин бол! - деп дагы эки бетинен өпкөндө Адина жүзү кызарып Каныбекти карап калды.

- Жүгүнүп кой эми, эч ким жокто, - деп Каныбек каалганы карап күлүп калганда Адина жүгүндү.

- Бай бол, бар бол, балам, ак жолтой бол, - деп Каным келинин алкады, - баса, Какы, ысыгында тамакты берсеңчи.

- Азыр, апа, сенин "серемонияң" бүтсө берем да, - деген Каныбек тарелканы алып тамак куйду. - Кел, ысыгында ичип ал.

- Сиздер отуруңуздар, - деди Адина иймене кайненесин жалт-жалт карап.

- Биз чыгып туралы, сен тартынбай ич, айланайын, кардыңды тойгуз, бата-бата ичсең оору жолобойт, - деп Жаныбек экөө эшикке чыгышты.

- Качан келди? - деди Адина алар чыккандан кийин акырын.

- Кечээ.

- Жаман уялдым, бир кызык болуп кеттим.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Уялба, жаным, эми сенин эки апаң болот, менин дагы, - деп Каныбек аны колтугуна кысып-кысып, чачынан сылады. - Апа дейсиңби?

- Ооба-ооба, сөзсүз апа дейм, мага жагып калды.

- Алтыным десе, ал сени өзүнүн кызындай көрөт, анткени кызы жок, эки эле балабыз. Адина, сен алардын кызындай болуп каласың, атам дагы жакшы киши, буйруса көрөсүң го? - деп өөп жатканда чогуу жаткан эки аял палатага кирип келди. Каныбек тура калды:

- Саламатсыздарбы?

- Саламатчылык, - деди бири керебетке отуруп жатып, бири баш ийкеп койду.

- Адина, биз кетели, бүтүрө турган иштер бар, кечинде келем, - деп Каныбек коштошо чыга берди, ал чыгаары менен Каным менен Жаныбек кирип коштошту.

- Жакшы жат, кызым, сен сакайып чыккыча биерде болом, тез сакайгын ээ? - деп бетинен өбө күлмүңдөп койду кайненеси.

- Жакшы болуп кетиңиз, - деди Жаныбек дагы, анан ээрчише чыгып баратканда Адина:

- Жакшы барыңыздар, - деди акырын.

- Кайненеңби? - деди жанындагылардын бири алар кеткенден кийин.

- Ооба…

- Бактылуу экенсиң, кайнененин жакшысы аялдын бактысы, күйөөң дагы жакшы неме окшойт.

- Ооба…

- Сенден бир топ эле улуу го? - деди Айжан дегени.

- Мага билинбейт.

- Сүйсөң керек?

- Ошондой, - деп алардын сөзүн уккусу келбесе да токтоо жооп берип, одеял жамынып жатып алды. Анын сүйлөгүсү келбегенин байкаган экөө бири-бирин нукуй унчукпай калышты. Адина дубалды карап жатып, ойлонду: "Апасы жакшы аял экен, мени жактырып калды окшойт, Каныбек да жакшы көрөт, мени бактылуу кылаарына ишенем, атамдар эле капа болушпаса, улуу кишиге тийип алыпсың дешет го? Мадиначы, а Жаңыл эжемчи, Бекмырза акем менен Айтмырза акемдерчи, алар сөзсүз жаман көрүшөт, анда эмне кылышым керек?", - деп көпкө ооналактап жатып, түшкү укол келгенде гана турду. Укол алып, түшкү дарыны ичкенден кийин Айжан менен Гүлзинат аны дагы эрмектешмек болду көрүнөт, бири-бирин нукуп сөз баштады:

- Адина, күйөөгө тийгениңе канча болду? - деди Гүлзинат.

- Үч ай.

- Күйөөң менен кантип таанышкансың? - Айжан ага тигиле карап жооп күтүп калды.

- Капыстан…

- Өзүң аз сүйлөйсүңбү же жактырбай жатасыңбы бизди?

- Аз сүйлөйм.

- Кызык, мен бук болуп кетем.

- Мен дагы, - деп бири-бирин акырын нукуп коюшту дагы. - Сен бук болбойсуңбу, Адина?

- Эмнеге бук болом?

- Унчукпай жата бергенден тажайт чыгарсың? - Айжан күлүп калды. - Сен аябай ойлуусуң, сени зордоп эле алып алган го күйөөң.

- Кандай тиешеси бар силерге, ал менин ишим, бирөөгө сыр айтчу жан эмесмин, а чынында мен абдан бактылуумун, билесиңерби ушуну? Өзүм каалап тийгем, жообума ыраазысыңарбы? - деп акырая караганда тигил экөө тең унчукпай калышты. - Көп сүйлөп маңызы жок сөзгө ооз толтургуча, ар ким өзүн ойлонушу керек, мен силердин үй-бүлөңөр жөнүндө сурадымбы?

- Кой, капаланба, кечирим кой, билгибиз келди да.

- Макул, экинчи менден ашыкча суроо сурабагыла, - деп коюп палатадан чыгып кетти. Ажаатканага барып кайра келсе алар түштөнүүгө чыгып кеткен экен. Эчтекеге көңүлү келбей жатып алган, бир убакта телефону шыңгырады.

- Алло, угуп жатам, - деди шашып ала коюп, ал Мадина болчу, Жаңылга чалганда номурду жазып алган.

- Алло, Адинасыңбы?

- Ооба.

- Эмнеге мага байланышпайсың, айылга барып келипсиң, иштеп атасыңбы?

- Ооба.

- Эмнеге сүйлөбөйсүң?

- Эмнени сүйлөйм?

- Дарегиң кайда, өзүм барып жолугам.

- Билбейм, эшикке чыкпайм, бир короодо иштейм.

- Сура жаныңдагылардан.

- Макул.

- Эмне, бир жериң ооруп жатабы?

- Жок.

- Жолукчу мени бышырбай, сен соо эмессиң, бирдемеге капасыңбы?

- Жок, - деп Адина өчүрүп салды. Кайра-кайра чалса да албай койду. Ойлонуп жатып уктап кеткен экен, Каныбек келип ойготкондо сырт караңгы болуп калыптыр.

- Уйкучу десе, ушуга чейин уктай бересиңби? - деп эңкейе өөп өйдө кылды. - Кана кардың ачты го, бирдеме ич.

- Өзүң эле келдиңби?

-Ооба, кеч бошодум, караңгыда апамды кыйнагым келбеди.

- Туура кыласың, кардым аябай ачты, эмне алып келдиң? - деди эркелей карап.

- Атам кой союп бериптир, келиним жесин деп, ошондон апам өзү жасап берди, - деп өзү куюп бермек болгондо Адина анын колун кармай керебетке отургузду.

- Сен отур, мен өзүм куюп ичем, - деп жылмая өзү идишине куюп ооз тийди да, Айжан менен Гүлзинатка барып, - Биздин тамактан ооз тийип койгула, - деп идиштерине эттүү кылып куюп берди.

- Рахмат, сакайып кет.

- Бактылуу бол, - дешип экөө да иче башташты. Тамагын ичип алып, Каныбекти узатып кошо чыкты.

- Эми бара бер, кеч болуп кетти, мен жакшы болуп калдым, эртең чыгам деп врачка айтайынбы?

- Жо-ок, сен жакшы дарылан, ага чейин апам үйдө болот, - деп Каныбек аялын кучагына кысты. - Сен сакаймайын чыгарбайм, качан гана догдур уруксат бергенде чыгасың, макулбу?

- Макул.

- Анда жакшы жат, эчтекени ойлонбо, мейлиби?

- Ооба, ойлонбойм деп убада берем.

- Алтышка, жакшы жатып жакшы түш көр, - деп чекесинен өөп, - кире-кире бер, - деди.

- Сен кет, мен карап турам.

- Жок, сен кир.

- Жок сен, - деп экөө күлүп калды.

- Анда мен кеттим, - Каныбек тез-тез басып ооруканадан чыгып кетти, Адина аны артынан карап туруп бактылуу жылмайып алып палатасына кирди. Тигилер дагы эмне деп сүйлөөр экен дегендей төшөнчүлөрүн кагып, оңдоп-түзөп, анан жатып алды. Тигилер өздөрүнчө бирдемени айтып алып кыткылыктап күлүп жатышты. Каныбек алып келип берген гезитти алып эми окуюн дегенде жарыкты өчүрүп койду эле унчукпай жатып калды. Аны табалагандай экөө шыңкылдашат. Жини келген Адина башын көтөрүп:

- Уйку бересиңерби? - деди.

- Кечке уктадың го? - деп Айжан жооп кайтарды.

- Чындап уйкучу экен, тим кой, - деди Гүлзинат.

- Ооба, уйкучумун, анда силердин ишиңер болбосун, уйкуңар келбесе ушагыңарды айта бергиле! - деп чүмкөнүп жатып алды.

- Күйөөсүнө эркелегендей эркелейт да?

- Ошону айтсаң, каалаганын жасагандай биер үйү беле? - деп экөө күңкүлдөп алышты.

"Адамдар эмнеге мынчалык кара өзгөй, бирөөнүн кемтигин көрүп көрмөксөн болгондун ордуна кемчилик издеп турушат. Менден бир топ эле улуу аялдар экен, бул эмнеси, жүрөк ооруганын сезбей, кайра атайын басынткысы келип күлгөндөрүн кара, уялтсыздар десе", - деп ойлонуп жатып уктап кетти.

Каныбек жанталашып сатыла турган үй издеп жүрдү, үйүнө кардар да чыгып, кээси айнып, кээси баасынан качып туруп алды. Бир жума дегенде, кудай жалгап, бир эрди-катын келип, бир аз түшүрүшүн суранып туруп алышты. Акыры каныбек Адина ооруканадан чыккыча үлгүрүштү ойлоп, арыдан-бери баалашып сүйлөшүп бүтүрө салды. Көп кабаттуу үйлөрдөн эки бөлмө батир таап, болгон акчасын төлөп, калганын кийин бермек болуп макулдашып көчүп келди. Жайгашып алып, эртеси Адинаны чыгарып келди. Каныбек ойлонуп отуруп машинасын да сатты. Ушунча түйшүк алып келген буюмдун ордун дагы жаңыламак болуп ырым кармады. Адинаны такси менен бейтааныш жерге алып келгенде ал таңгала:

- Каныбек, биз кайда келдик? - деди суроолуу.

- Азыр көрөсүң, жаным, - деп колтуктай экинчи кабатка көтөрүлүшкөндө күтүп турган Каным чыныдагы сууну Адинанын башынан айланта:

- Бар балакеттин баары ушуну менен кетсин, жамандыктан алыс бол, балам, түкүр, - деди да, үч түкүртүп, башынан айланта ары чачып ийип, чыныны жерге көмөрдү. - Кир, кире бер үйгө, - деп ичкери киргизип, эшигин жаап алды.

- Апа, мен улакты эмне кылайын? - деди Каныбек.

- Алып келе гой, түлөө өткөрөлү, - деп Каным төргө төшөк салып, Адинага карады. - Кел, балам, отур биякка.

- Апа, сиз отуруңузчу, мен өзүм эле жасайын, - деди Адина тартына, уялганынан эки бети кызарып да кетти.

- Ооруканадан жаңы чыктың, кызым, жылуу-жумшак отур, жатып өзүңдү кара, казан-аяк аял кишиден эч жакка качпайт. Мен мындай иштин далайын жасагам, кеткиче балдарымдан аз күчүмдү аябай калайын.

- Жок, коюңузчу, апа, - деп кымырыла отуруп калды. Каныбек дасторкон жайып апасынын жаңы эле жасаган тамагын алып келди. Унчукпай отуруп тамактанышты, ошол күнү эле бир улакты түлөө кылып чийки бойдон элге эшиктен таратып ийишти. Баш шыйрагын дагы умсунгандарга деп атап, өткөн элге берип, ичке киришти. Адина аларга абдан ыраазы болуп калды. Өз үйүнө алып барбай бул жакка алып келгенине таңгалганы менен үй ичиндеги буюмдар көзүнө тааныш учурады. Түшүнө албай, кайненесинин көзүнчө сурагандан ийменди. Кечинде күйөөсү экөө бир бөлмөгө өздөрүнчө бөлүнгөндө Адина акырын сурады:

- Каныбек, эмнеге бул үйгө алып келдиң?

- Ал үйдү саттым.

- Эмнеге?

- Жөн эле, мага жакпады.

- Эмнеси жакпады?

- Ошонусу, Адина, эми ушул үйдө жашайбыз.

- Ошондой де?

- Ооба, ошондой, сени кокустуктан сактагым келди, сенсиз өзүмдү эл жүрбөгөн ээн талаада калгандай сезем, артык жашоонун кереги жок деп ойлоп кетчү болдум, сени аппак куштай кулпунтуп алып жүргүм келет.

- Рахмат, Каныбек, мен сага ыраазымын.

- Алтышкам менин, көпөлөгүм менин, сен дагы мени жакшы көрөсүңбү айтчы? - деп бекем кучактап алып өпкүлөп жатты. - Эркем, эч качан оорубачы.

- Аа-ай, ичи-иим! - деп бүрүшө калды бир кезде Адина ичин сыйпалап.

- Адина, алтыным эмне болду, ичиң ооруп калдыбы? - деп Каныбек үйрүлүп түшө калганда кыткылыктай оозун басып күлүп калды. Боору эзилгенче күлдү, дел болгон Каныбек, аны эси оой карап турган.

- Коркуп кеттиңби, тамашаладым, Каныбек, тамашалап койдум, - деп күлүп жаткан келинчегин булка өзүнө каратты.

- Сен ооруну оюн көрүп жүрөсүңбү, менин жүрөгүм түшүп калды, ушунуң кантип болсун?

- Каныбе-ек, ошончолук корктуңбу?

- Корпогондочу, дагы эмне болуп кетти деп жаным чыга жаздады.

- Кечирип койчу.

- Жок.

- Кечир мени.

- Болбойт, мени тамашалаганың жакпай калды.

- Кечирип кой дедим го?

- Кечире албайм, - деп Каныбек тескери карады.

- Каныбек, кечир мени, кечирдиңби? - деп Адина Каныбекти өзүнө карата албай таарынычын жазууга аракеттенип жатканда ал көп чыдабай күлүп жиберди.

- Кандай болот экен?

- Жаман. - Эми Адина дулдуя көзүн жумуп ары карады.

- Ак чөп башта.

- Ак эмес, көк чөбүң болсо да кечире албайм.

- Койчу дедим го? Жаным…

- Жаның боло албайм.

- Алтыным.

- Алтының мен эмесмин.

- Чынбы, кана боло албайм дечи? - деп кучактап жулмалап өпкүлөп киргенде:

- Болду, болду дейм, мен сенин жаныңмын, - деп Адина аны төшкө түртө өзүн ала качып, артка чалкалай күлүп жатты. Каныбек аялын кучагына кысып:

- Эми коркутпайсыңбы? - деди.

- Жок, эч качан.

- Чынбы?

- Чын, чындап коркутам.

- Мына сага коркуткан, - деп басып калды. Экөө тең үнсүз күлкүлөрүн зорго тыйып жатып калышты. Жаштардын бир түн эмес, бир сааттык жыргалы дал ушундай болуп өткөн болсо адам жашап өткөнүнө өкүнмөк эместир, чиркин. Ошол үчүн илгеркилер: "Кан койнунда калтыраганча, кул койнунда кутуруп жаша", - деген тура. Мындайда экөөнүн жаш аралыгындагы он сегиз жаш байкалбай дагы калат. Анын үстүнө отуз төрттөгү толуп-болуп турган жигиттин жалыны дагы далай кыз-келинди сүйүүнүн алоосуна бөлөөрү бышык эмеспи. Каныбек келинчегин түнкүсүн кыткылыктатып, күндүзү көзүнүн агы менен айланып жашап жатты. Жүрөгүндөгү бар сүйүүсүн, бүт тулкусун, жигиттик сөзүн арнап, жараткандан перзенттин үнүн дал ушул сүйүктүүсү аркылуу угууну самап жүргөн убагы эле. Минтип кызганычтын айынан акылсыз аялдын азабынан экөө тең тунгуч наристесин жоготуп, бири-биринен суроого батынбай алды жагынан үмүтүн үзбөй жашоолору мамыры-жумуру уланды. "Тобокелчи тоо ашат" дегендей пенде чын дили менен тилесе жараткан пендесин унутпасы белгилүү. Бара-бара Адина кадимкисиндей болуп өз тиричилигине аралашты. Врач дагы бир сыйра текшерген соң Адинанын жаштыгын, бир-эки жыл төрөбөй койо туруусун эскертип, дары-дармек жазып берип узатты. Каным он-он беш күндөй туруп, келиндин ийкемдүүлүгүнө, кичи пейил, ийменчээктигине ыраазы болду.

- Какы, - деди бир күнү кечки дасторкондо отурганда уулуна, - мен эми кетейин, балам, атаң менен кеңешип келинди үйгө алып баралы. Эл-журт бар, тууган-урук дегендей, Адинам мага жакты, - деп Адинага мээримин төгө карап койду. - Ата-энесине да барып ырымын жасайлы.

- Апа, азыр койо турсакчы…

- Эмнеге, уулум?

- Өзүң билесиң, Ширин дагы бирдеменин ичинен чыгабы, мен өзүм бир жаңсыл болоюн, анан барабыз.

- Аны мага кой, балам, Ширинди өзүм эле жайына коюп койом.

- Өзүң бил, апа.

- Сен унчукпа, аны үндөбөс кыламын, үч балаң менен баламдын башын айланткансың дейм, - деп Каным өз оюн бербеди. - Телефон турбайбы, ало-о деп койом барып каласыңар, макулбу?

- Болду-болду, апа, - Каныбек күлүп тим болду.

- Мен эртең чыгайын, баарын атаң экөөбүз кеңешебиз, - деп кеткенге камынды. Айткандай эле эртеси аны уул-келини бекеттен таксиге салып жиберишти. Каныбек акчадан бир аз кыйнала түшкөн эле, машинасын саткан адамга телефон чалды. Жарым акчасын ала элек болчу, байланышып акчасын алып келгени кетти. Үйүнө кайтып келатып капыстан көчөдө жай кетип бараткан Ширинди көзү чалды, жини келгенинен өзүн кармай албай жүгүрүп жетип, карыдан ала булкту. Чочуп кеткен Ширин көздөрү алаңдай өңү кумсарып, сөз айтууга жарабай мукактанды:

- Ссен…

- Ооба мен, дагы изиме чөп салып жүргөнсүң го? - деди ачуулуу калчылдай, анын түрүнөн корккон Ширин:

- Эмне деп жатасың, Каныбек? - деди зорго.

- Калп дечи, канча зыян кылганың калп дечи?! - деген Каныбек аны карысынан мыкчый кармап, дегдеңдете жетелеп жөнөдү.

- Каякка, каякка алып барасың?

- Түрмөгө, жакшылыкты билбеген аялдын орду түрмөдө!

- Эмне, ал эмне дегениң?

- Азыр көрөсүң, - деп сүйлөбөй жетелеп барып милициянын эшигине келгенде Ширин тызылдап ийди.

- Жинди болдуңбу, биерге эмне алып келдиң?

- Ооба, сен жинди кыла жаздадың, - деп бөлүмгө кирип барды Каныбек. - Мен бул аялдын үстүнөн арыз жазам! - Үстөлдө отурган сержантты тике караганда ал орундукка кол жаңсады.

- Адегенде отуруңуздар, анан жазыңыз.

- Эмнеге менин үстүмдөн, сен мени ким деп ойлоп жатасың? - Ширин өзүн колго ала өктөм унчукту.

- Сени жырткыч деп билем, - деп милиция берген кагазга арыз жаза баштады. Бир бетти толтура жазып колун койду да, ага жылдырды. -Тактап, туура чечим чыгарып берсеңиздер? - дегенде сержант аны бир карап алып кагазды окуп чыкты. Анан Шириндин алдына жылдырды, Ширин экөөнү алмак-салмак карап, колу калтырай кагазды окуп келип:

- Жалган, баары жалган! - деди арызды түртүп.

- Күйөөңүз экени чынбы?

- Ооба.

- Үч балаңыз менен алып, он жыл жашадыңар беле?

- Ооба.

- Тапканы чындыкпы?

- Ооба.

- Аялын коркутканыңыз, үйүн өрттөгөнүңүз, талкалаганыңызчы? - деди сержнант аны сынай карап. - Боюнан түшкөн бала үчүн жооп бересиз.

- Анын баары жалган!

- Ажыраштыңар беле? - Сержант Каныбекке кайрылды.

- Жок, ажырашып балалуу болушума тикелей каршы болуп туруп алгандыктан, жашыруун үйлөнгөм. Эгер бул төрөгөндө эч жакка кетмек эмесмин, ансыз дагы үч баласын эч нерседен кемитпей багып келдим.

- Сиз буга эмне дейсиз? - Сержант Ширинди карады.

- Туура, бирок жалаа жаап жатат.

- Сиздердин ишиңиздерди сот чечет, мен сотко ашырам.

- Дүйнө мүлктү бөлүшүүгө да каралсын, - деди ачууланган Каныбек.

- Баары эске алынат, дарегиңиздерди жазып калтырыңыздар.

- Жарайт, бул мени өчөштүрбөсө эчтеке алмак эмес элем, эми он жылдан бери бакканымды эселеймин, эч жерге иштеген эмес, калыстык менен карайт деп ишенем, - деген Каныбек дарегин жазып калтырып, сыртты көздөй жөнөдү. Ширин анын артынан чыгып:

- Каныбек, алчуңду жөн эле ал, сотсуз эле чечишели, мени кечир, - деп бутуна чөгөлөп ыйлап ийди.

- Сен өз күнөөңө ылайык жаза алышың керек, ал эми мен алчуну ансыз да алам.

- Сотсуз эле өзүбүз чечели, Каныбек, кечир мени, сени кызгандым, кетирген күнөөмдү кечир, мени сактап кал, - деп бура бастырбай бучкактап алды.

- Кызгангыдай жүрөк балкытып бала төрөп бердиңби, же мен сенин көңүлүңдү калтырдымбы, кандай түшүнбөйсүң, сенин балдарың мага өзүмдүкүндөй болуп береби?! - деди бурула калып. - Болду, оюнуңду токтот, дагы бир нерсе болсо сени өз колум менен өлтүрөм! - деди да, колун силкип жолдо турган таксиге отуруп жөнөп кетти. Боппоз болуп өңү кумсарган Ширин жол боюнда көз жашын көлдөтүп турду. "Бул менден биротоло кетмек болгон экен да, кайрылып келеби деген оюм туура эмес экен. Айла канча, элге шардана болбой арызды алдырып, тынч эле ажырашайын", - деген ойдо кайда басаарын билбей дел болуп тура берди. Анан эсин жыйып, айылга кетмек болду. Убактылуу жашап жаткан батириндеги буюмдарын шашылыш алып, Ошко кетчү таксилер токтогон жерге жетти. "Бир киши керек", - деген таксистке барып, жол акысын сүйлөштү да, жөнөп кетти. Ал туура эле Мекебайдын үйүнө келди, Каным сыртта жүргөн, аны көрүп кыртышы сүйбөй ары басып кетмек болгондо:

- Апа, жакшы жатасыздарбы? - деп калп күлө учурашты.

- Жакшы, өзүңөр кандай…

- Апа, жакшы элебиз, атам үйдөбү?

- Жок, эмне болду, жайчылыкпы деги? - Каным сынай карап, сөз күтүп калды.

- Апа, менден күнөө кетти, Каныбек мени сотко берип жатат, дегеле бүт тапканын алсын, арызын кайра кайтарсын, - деп ыйлап турду Ширин. "Акыбалың ушул экен го, эркекке эрегишпей жөн жүрбөйт белең", - деп ойлуу турган Каным ага боору ооруй карады. - Болгону үйдү калтырсын, балдарым менен талаада калбайын, апа, мал-салды талашпайм. Ырас, төрөбөгөн айып менде, үчтү төрөгөндө эле врач төрөбөсүмдү айткан, ошого карабай аны да, өзүмдү да алдап жашап келдим, апа, кудай үчүн арызын алып, каалаганын кылсын, - деп буркурап-боздоп ыйлады.

- Ширин, эми баары өткөн, сени үч балаңа карабай алган, өзүң катылбасаң ал сага эчтеке демек эмес, аялынын боюнан түшүп калды, убалы кимге?

- Кечиргиле, апакебай, күнөө менде, соттолуп кетсем али боорун көтөрө элек балдарым кантет? - Жалдырай үмүткө толгон көзү менен карады кайненесин, анын жаман аял эмес экенин ал билчү, боору ооруйт деп ишенди.

- Балам а-ай, өзүңөр жаңылып аласыңар дагы кечигип билесиңер, өзүңдү-өзүң кылмышка түртпөдүңбү?

- Ооба, апа, жаңылдым-жаздым.

- Кечиримди кудайдан сура, мен колумдан келишинче Каныбекке айтайын, ачуусуна өзүң тийип албадыңбы?

- Жаңылдым, апке!

- Бара бер, мен кечинде Жакы келсе телефон менен сүйлөшөм, эгер ал адамча бүтүрсө сен дагы өзүң бүтүрүп, өз мээнети менен тапканды көңүлүнөн чыгарып жеткирип кой! - деп кемпир ары басып кетти.

- Рахмат, апа, экинчи изин баспайын, эл укпасын, - деп Ширин короодон чыкты. Арманы, өкүнүчү, ызасы менен кызганычы аралашып көзүнөн мончоктоп жаш куюлуп, үйүнө жөнөдү. Ошол күнү кечинде Каныбек менен Адина тамактанып отурганда телефону чырылдаганынан алса, апасы экен:

- Уулум, кандай жатасыңар?

- Жакшы, апа, сизге эмне болду, кечээ эле кеттиңиз эле го?

- Зарыл деле иш жок, балам, кооптуу да эмес, бир кымындай иш чыгып калды.

- Айта бериңиз.

- Сен арызыңды ал, балам, "жамандыкка-жакшылык" деген сөз бар, ачууң менен жазганыңды билем, бирок "бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас" дегендей кек сактаба, кекти каапырга берген кудай…

- Апа, ал силерге бардыбы? - деди туюк.

- Ооба, балам, келиндин боюнан түшкөнү үчүн бир далай жаза алышы мүмкүн, ошон үчүн өсөөрүңө жакшы, ачууңдан кайт!

- Макул, апа, мен деле андай кылайын деген оюм жок эле, алдымдан чыгып калды, сөзсүз эртең алып койом.

- Болуптур, сөзүмдү эки кылбасыңды билем, - деди да, өчүргөнүн билип ойлуу отуруп калды. Эртеси азандан Ширин келип калган экен:

- Кана, мен сөзүмө турдум, сен аткарасыңбы? - деди.

- Ыраспы, апа, андай болсо мен эртең эле баламды тоого жөнөтүп, берчүнү берип жиберем, - деди жалпактай. Үйгө кир дебегенге томсоро артына кайрылды, Каныбектин кадыры менен өзү билип, өзү коюп кирип жүргөн үйгө чоочун боло түшкөнүнө ызаланды, ичи ачышты, өзүнүн жок дегенде бирди төрбөгөнүнө кейиди. Акыры "Мейли, насип бөлүнсө арга канча, балдарым турат, оокатым өтөөр", - деп илкий өз үйүнө кетти. Үч күндөн кийин эки жылкы, эки музоолуу уй, жети-сегиз кой кылып айдатып ийиптир. Ошентип Каныбектин көңүлү жайланып, тынч жашап калды. Адина арадан дагы үч ай өткөндө кош бойлуу экенин билди, ушул арада ал кадимкидей токтолуп, эстүү аялга айланып баратты. Мекебай уул-келинин чакырып той өткөрдү, анан Адинаны төркүндөрүнө сүйлөштүрүп бара турганын кабарлашты. Тургунбай менен Асылайдын дендароо болгонун айтпа. Бекмырза менен Айтмырзасын, Жаңыл менен Мадинаны чакырып куда күтүүнүн камын көрүп, кеңешип жатышты.

- Мен жазында келгенде эле байкагам, - деди Асылай. - Түрү башка болчу, айталбай кеткен, иштегени да жалган.

- Ошондо жибербей койбойт белеңер? - деди эң улуусу Бекмырза.

- Кетирбегенге болмок беле, жыргатып иштеп жатам, кечикпей барышым керек, жооп алып келдим деп жатса…

- Эмнеси болсо да болушунча болуптур, эми аларды тосуш керек, өздөрү кандай келет. Оштуктар жыйырма кишиден кем келбейт дешет, эгер ошончо киши келсе чач кирипигибиз чак келеби, күн суук болуп калды, үйдү да жасап-түзөгүлө, - деди баятан бери унчукпай отурган Тургунбай. - Жыйырма киши үйүбүзгө сыябы?

- Аны Адинага чалып сураш керек, - деди Айтмырза.

- Ошенткиле, келебиз деген күнү аз калды, канча кишиси келээрин билгендир.

- Азыр мен чалам, - деди Мадина телефонун кармалай, бир кезде: - Алло, Адина, угуп жатасыңбы мени? - деди үнүн катуу чыгара.

- Угуп жатам.

- Канча киши келет?

- Азыр сурап билип, кайра өзүм чалам.

- Макул анда, - деп күтүп калышты, арадан жарым сааттай убакыт өткөндө Адина чалды. - Алло, Адина?

- Мадина, бияктан он төрт адам барат экен.

- Ошончо келишеби?

- Ооба, баары бир туугандар экен.

- Ой-ий, сен анча киши барбагыла дебейсиңби?

- Кантип?

- Ошентип эле, - деп Мадина сүйлөшүп жатканда Асылай ала койду:

- Адина, өзүң кандайсың, кызым, барган жериң кандай экен, күйөө бала дурус элеби? - деп сурап кирди ал.

- Апа, абдан жакшы, барганда көрөсүз, - деп Адина өчүрүп койду.

- Бул соо эмес, дагы сүйлөшпөй өчүрүп салбадыбы.

- Эмне кылат анан, кайнене-кайнатасынан тартынып жаткандыр, - дешип өздөрүнчө кыжы-кужу. Туугандарына да кеңеш кылып, союштарын белендеп, дасторконун түрлөп толтурууга жанталашып камынып жатты. "Бар балтаң, жок калтаң" дегендей куда тособуз деп абдан кыйналышты, уят болбойлу деп болгон аракетин жумшады. Белгиленген күнү түш оой үч-төрт машина менен кудалар келип түштү. Эң алдыңкысынан Адина менен Каныбек, калгандарынан он чакты эркек-катыны катар түшүп колдорун бооруна ала: "Кулдугубуз бар, кулдугубуз бар", - дешип, учурашып үйгө киришти. Жайланышып отургандан кийин өздөрүнүн салты боюнча бата кылышты. Анан Каным сөз баштады:

- Айланайын куда-кудагый, кыз өстүргөн экенсиңер гүлдөй кылып, буга миң мертебе ыраазыбыз. Даридей болгон эки уулум бар, Адина улуу келиним болуп калды. Силер багып өстүрдүңөр, эми менин келиним да, кызым да болот. Алдыңарга ата-салтын аркалап, ачуу басаар, алдыга түшмөй ырымын бир эле алып келдик. Жер алыс, эми биз кыздын ырасмын жасап, жүз миң сом алып келдик. Атасы келген жок, айып этпегиле, - деп бир боо акчаны Тургунбайдын алдына коюп, андан кийин кийит-кечесин ачты. Тургунбайга жети миң сомдук пальто, Асылайга он миң сомдук пальто, эки эжесине дагы жакшы пальто менен баарына көйнөк-жоолук баштап бир сыйра, эки агасына бирдей кымбат баалуу костюм-шым, көйнөгү менен кийгизди. Тургунбайдын кудасына суусар тебетейин өзү кийгизип: - Баланын үнүн укканда кубаныч, тили чыкканда бакыт, буту басканда сүйөнүч болот, жакшы тилектер менен багып өстүрөбүз. Адинанын алдын бала басып, артын түмөндөгөн мал бассын, куда, батаңарды берип койгула эки балага, - деди Каным.

- Ылайым бактылуу болуп, кармашкан колдору ажырабасын, үйүндө бала ойноп базар болсун, түбөлүк бирге болуп узун өмүр, кетпес дөөлөт орносун, оомийин! - деп Тургунбай алакан жайганда Адина менен Каныбек туруп бата алышты.

- Ыраазымын, куда, - деп Каным эми эки чоң баштыкты жанына алдырып, биринен бышкан койдун этин, биринен өрүк-мейиз менен таттууларды, жер-жемиштерди алып дасторконго койду. Тургунбай менен Асылайдын оозуна сөз кирбей какап эле калды. Алардын оюнда: "Алгандын бермейи бар эми биз эмне кылабыз?" деген сарсанаа турду. Союштар союлуп казанга асылды, арасында ичкендери бар экен, агын актай, кызылын кызылдай ташышты. Дегиңкиси алардын айлында арзан, жасалма арактар сатылгандыктан, түндөп машина менен ылдыйкы дүкөндөн жащиктеп арак алдырышты. Кыз тарап да, күйөө тарап да сый-урматтын үстүндө бакылдашып, ыраазы болуп отурушту. Асылай бир гана күйөө баланын улуу экенине нааразы болуп турган, бирок бир эсе: "Бул жерде жүрсө күндө уруш-талаш болот эле, жемеде жүргүчө жакшы жерге барыптыр, тынып калса болду", - деп ойлоп алып, кудагыйынын айтканына корстон боло сыймыктанып отуруп калды. Коноктор эки күн болуп, үчүнчү күнү кетүүгө камынды. Тургунбай менен Асылай кудаларына өтө кымбат кийит кийгизбесе дагы адемилерин коюп, кыз-күйөөсүнө мурдатан алдырган кийитин кийгизди. Кешикти мол салып, кудаларды шатыра-шатман узатып ийип, кайра киришкенде Мадина:

- Кызыңар эмне өзүнөн улуу немеге тийип алган? - деди мурдун чүйрүй.

- Өзүнө жакса болду, келбеттүү эле жигит экен, эмнеси жаман, көрдүңбү кандай келгенин. Жаңыл жаш өзүндөй эрге тийип жыргап кеттиби, жадагалса төркүлөткөнгө да жараган жок, - деп Асылай болуша кетти. - Душман көзүнө намысыбызга жарады.

- Картаңга тийип алып намысыңарга жарадыбы? - деп Мадина жактырбай чыгып кетти. Ал азыр өз тагдыры атасындай адамга байланаарын сезбеди, болгону жаштыгына манчыркап, эч нерсе көзүнө көрүнбөй турган кези, Адинага жини келгени да ошол. Туугандары кудалар кеткенден кийин да көпкө отуруп, кызуу тарашты. Асылай өзү да бир топ эле кызуу, бирок коңшу-колоңун ушул кызуусунда чакырып, кешик ооз тийгизип бир мактанып алмак болду оюнда. Келини Алмашты коңшуларына жөнөттү, келбей калган абысындарын, эже-сиңдилерин чакыртты. Өзү келиндери, Жаңыл болуп дасторкон жаңыртып, чай-пайын белендеп, улуулата сый жиликтерди ылайыктап күтүп калды. Жакын коңшулары бат эле келип калышты. Ансыз дагы Тургунбайдын үйүнө төрт келишкен унаа менен куда келгенин көрүп кулак түрүп калышкан. Ичке кирип отурганда аларга чай куюп отурган Асылайга эшиктеш коңшусу Клара карап суроо узатты:

- Кудаларың кандай адамдар экен, Адина сүйлөшүп тийиптирби?

- Ооба, абдан жакшы жер экен, Адина өзү сүйлөшүп жүрүптүр, эбак эле алып кетиптир, жашынан улам коркуп жүрүшкөн тура.

- Иии, жакшы болуптур, бактылуу болсо болду да, барган жеринде кеп жок, күйөөсү жакшы болсо ошол утат, - деди дагы бири.

- Күйөөсү абдан жакшы жигит экен, табышкер дейт.

- Кана, кудаларыңдын алып келгенин көрсөт, - деп Сатимбү күлүп калды, - аябай укмуш келишти деп уктум.

- Кудайга шүгүр, эчтеке аябаптыр, - Асылай ички бөлмөсүнө кирип, чоң жоолукка таңылган кийиттерин көтөрүп чыгып, бирден жайып көрсөтүп жатты.

- Ой-ой, шумдук алып келиптир, тиги чириген байга тийген Керимдин кызынын алдына түшүп келгенде деле дүкөн чириктерди алып келиптир дешкен.

- Адина окубай кетип калган менен баркын билген жерге туш келген экен.

- Ошону айтсаң, Асылай менен Тургунбайды уруштуруп көчөгө чыгып кетчүдө кеп бар экен да, токтоло элек да, - деп Клара айтканда Асылай тиштенип отуруп калды. Анан калп күлө калганын көрсөткүсү келбей ички бөлмөгө көтөрүп киргизип коюп, кайра келди. Кабагы бүркөлө түшкөнүн байкаган аялдар бири-бирин карап отуруп калганда:

- Алыс жерден мал алып келбесе да акча алып келгендир? - деди ылдыйкы көчөдөн келген Зуурабү.

миң алып Ай-ий!Ыраспы? - дешип ооздорун ачып калышты, кээси ишенсе, кээси ишенбей үнсүз отурганда Саадат:

- Ой, анын эмнесине таң каласыңар, азыр кыздарга жүз миң берген адат болуп калган, колунда бар болсо берет да, - деди абалдан чыгара. - Чынында азыркы кезде жүз миң сомду көбү атагын чыгарыш үчүн берсе, кээси бүлөсүн ызааттап, башына баш кошулганына кубанып берип калбадыбы, көп болду, - деди.

- Ооба, ообЫрас эле ошондой деп уккам, - дешип алдына келген кешикти ооз тийип, устукандарын ороп алышып үйлөрүнө жөнөштү. Ошентип Адинанын жомогу айыл ичинде желдей тарады, оозуна алы жеткени да, жетпегени да узак сөз кылып айтып жатты.

- Капырай, Тургунбайдын кызы күндөп-түндөп үйүнө жолочу эмес эле, эми жакшы жерге барыптыр дейби?

- Ой анан эмне, кеч кирди эле кокту-колотто көрүнгөн эркектер менен эле жатчу, багы ачылыптыр, Тургунбай менен Асылайды болсо чалкалатып койду.

- Тобо-о, "көп баскан аяк бок басат" дечү эле, бул кыз бок баспай эле бак караган экен.

- Ошону айтсаң, жакшы бала жанга аралжы дегендей өмүрү эшигине түк жукпаган Тургунбайдын ичкен чайы памил, барган жери Памир болду го? - дешип, толгон кептер айтылып жүрүп көптө барып унутулду. Бул кезде Адинанын ичи билинип, Каныбек ага чарк көпөлөк айланып турат, өзүн чексиз бактылуу сезген Адина керээлден кечке чалкалап гезит-журнал окуп жатат. Каным дагы тез-тез келип турат. Жаныбектин аялы Бурулсун да келип-кетип, абысынынын ал-абалын билип турганга экөө абдан ынак, кадимки эже-сиңдидей. Айы-күнү жетип Адина уул төрөдү, Каныбекти ырымы кылып апасы токтотту:

- Баланы биз көрүп келели, сен Адинга жолугуп куттукта да баса бер, ушу жашка келип балалуу боло элексиң, жети күн дегенде гана көрөсүң, - деди. - Көп кубана бербе, токтоо бол, балам, көп эле үзүлүп түшпөй салкын бол.

- Ма-акул, апа, тилиңди албай келтек жегидей алым жок.

- Ошент, балам, амандыгын тиле, - деп, чогуу төрөтканага жөнөштү. Алар келгенде Адина палатага которулган, уруксат алып Каным менен Бурулсун кирип кетишти. Каныбек сыртта күтүп туруп калды, бир кезде акырын басып Адина чыкты, экөө кучакташып өбүшүп турушту.

- Рахмат, жаным, уул белек кылганыңа ыраазымын.

- А сени апам эмнеге киргизбей койду.

- Жети күн болгуча көрбөйсүң дейт.

- Кызык, эски кишилердин ырымы да башкача экен, ошо да болобу?

- Апамдын айтканы да дурус, чынында отуз бешке чыкканча бала көрө элекмин, кубанычтан жүрөгүм жарылып кетсечи, анда балам экөөң кантесиңер? - деди Каныбек күлө.

- Койчу, анын бетин ары кылсын, - деп Адина күйөөсүн кучактады. - Жаным, мындай жакшы күндө жаман сөздү айтпачы.

- Макул, жаным, ооруп калба, ичке кир, азырынча уулум экөөңөрдүн амандыгыңарды тилейм.

- Качан көрөсүң анан?

- Жети күндөн кийин, апам мени балалуу болдум деп катуу кубанбай кулагы жатыксын деп жатат го, байкуш.

- Анда мен кирейин, - деп күйөөсүн бетинен өөп кирип кеткенден кийин аз өтпөй Каным менен Бурулсун чыгып, үйлөрүнө жөнөштү. Унчугушпай келе жатканда чыдай албай Каныбек суроо узатты.

- Апа, неберең кандай экен?

- Ар-рам десе, чыдамың кетип жатабы, быйпыйып жатат, дегеле өзүңө окшогонун кантесиң, колдун эле башындай, садага, - деп Каным кубана уулун карады. - Атын койолу эми, өзүңөрдүн ойлогонуңар барбы?

- Жок, апа, биринчи баламдын атын атам экөөңөр эле койгула, - деди Каныбек күлө. Андан кийин үндөшпөй үйүнө келишти, Каным кудаларына чалып сүйүнчүлөмөк болду.

- Какы, тиги кудалардын телефонун алып бер мага.

- Макул, кудаңыздан чоң сүйүнчү алмаксызбы?

- Ооба, - деп мулуңдаган Каным күтүп калды.

- Мына, сүйлөшүңүз, - деди Каныбек телефонду апасына берип жатып.

- Алло, алло-о.

- Апа, үн чыкканда сүйлөсөң.

- Апей ботом, - деп кулагына такап турганда арытан үн угулду.

- Ким экен бул?

- Аай, куда-кудагый, сүйүнчү!

- Болсун-болсун.

- Адина бизди кубантып уул таап берди, силерге өзүм сүйүнчүлөп жатам.

- Сүйүнчүңүзгө бир тай, кудагый, - деди Тургунбай уялганынан. - Неберебиз менен Адинанын ал-акыбалы жакшыбы?

- Кудайга шүгүр, азыр эле барып келдик. Неберебиз жатат жылтырап, - деп Каным бир башкача жетине албай сүйлөп жатты.

- Кубанычыңарга тең ортокпуз, кудагый, Каныбекке салам айтып, Адина менен неберебизди өөп койгула.

- Жакшы тургула, куда, көрүшкөнчө эсен болгула, - деди да, өчүрдү. - Тегеренейин десе, өмүрү узун болсун, боосу бекем болсун каралдымдын…

- Апа, неребеңизди бат эле келсе деп жатасыз го? - деп Бурулсун кайненесин тамашалай карады.

- Ооба, кызым, Какымды качан балалуу болот деп атаң экөөбүз кудайдан тилегенибизди айтпа.

- Ооба десеңиз, Жакы экөөбүз дагы көп ойлончубуз.

- Тилегиңерден айланайын, бир туугансыңар, бири-бириңерге жөлөк болбосоңор болбойт, - деп Каным ойлуу отуруп калды. Убакыт жетип жети күн өткөндө Адинаны чыгармак болушту. Каныбек достору менен барпыраган жүз бир тал розаны көтөрүп алып, төрөтканадан камерага тартып чыгарышты. Шаңдуу музыка менен коштолуп эки машина менен үйгө келишкенден кийин дагы камера менен киргизишти. Адинанын жүзү албырып, чексиз бактылуу Каныбекти колтуктап келе жатат, Бурулсун наристени көтөрүп, Каным экөө артында. Кире бериштен Каным аларды токтотуп баланы өзү алды:

- Бурулсун, чыныга суу алып чыга кал.

- Макул, апа, - деп Бурулсун ылдам үйгө кирип, чыныга суу сузуп чыкты. Аны Каным өзү алды да, уул-келининин башынан айлантып:

- Түкүргүлө, - деди өктөм. - Балакет-салакеттин баары ушуну менен кетип, башыңарга бакыт консун, киргиле үйгө, артыңарды карабагыла, - деп, чыныны көмкөрдү эне. Ошентип Каныбек ошол күнү гана наристесин жүзүн ачып көрүп, жыпар жытын искеди. Бала деген бакытка магдыраткан сезимге толкуп отуруп, "Апам ырас айткан экен, болбосо жүрөгүм жарылып кетмек", - деп кубанычтуу жылмайып алды. Бакыттын көрүнбөгөн сересинде бийик учкан эркин бүркүттөй каалгып турду оюнда. Телефон аркылуу наристеге ат коюсун суранганда Мекебай: "Болотхан койгула", - деген эле. Наристенин атын ошентип Болотхан коюшту. Достору түнү бою наристенин боосу бекем, өмүрү узун, келечеги кең болушун каалап, жакшы тилектерин айтып отуруп, анан үй-үйүнө кайтышты. Баары кеткенден кийин Каныбек менен Адина бир бөлмөгө сыйбай эркелешип жатышты, небересин болсо Каным алып жаткан.

- Какы, - деген Адина ошол учурда эрине ата-энеси айткандай эркелете кайрылды.

- Оов, жаркыным.

- Биз бактылуубуз ээ?

- Абдан, абдан бактылуубуз, жаркыным.

- Мен сага жолукканыма ыраазымын, - Адина күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөдү, - сен менин тагдырымсың.

- Мен дагы, ошол караңгы түн экөөбүздүн табышмактуу жолугушуубуздун күбөсү эмеспи?

- Туура, мен ошондон бери эсейгенсидим, жаным.

- Чын элеби?

- Айтпа, сенин жылуу мамилең мени акылыма киргизип тез токтолууга алып келди, сен менин чайпалбаган деңизимсиң, көлөкөлүү саябанымсың, Какы…

- А сен менин жыпарын чачкан гүл багымсың, мөлтүрөгөн тунук таза булагымсың, жаным, - деп бири-бирин баасы эч нерсеге теңгелбеген асылга теңеп, бакыттын деңизинде калкып сүзүп жүрүшкөндөй кыса кучакташып жатканда ымыркайдын ыйлаган үнү угулду. Сак кулак эне жүрөгү дароо туюп:

- Уулубуз ыйлап жатат, - деди.

- Алып келчи, жаным, кумарлана жыттап, моокумдан бир чыгайын, апамдан тартынып жакшы жыттай албадым.

- Азыр, жаным, - деп Адина сырткы бөлмөгө чыгып кетти…

Мадина Адинаны таппай калып, жини менен кайра мейманканага келсе, Искендердин изи да калбаптыр. "Акмак десе, жоголгон экен, акыры Адинага жолугуп, сенин бир кылмышыңды уксам өз колум менен муунтуп өлтүрөм", - деп кыжынып алды да, Жаңылдыкына жөнөдү. Келээри менен Жаңыл аны суроолуу карады:

- Адинаны кайдан көрүп калдың?

- Жолдо келатканын аркы өйүздөн көрүп, көчөдөн өткүчө таппай калдым, жерге житип кеткендей жоголду, - деп, Мадина даярдап алган жообун айта салды.

- Окшоштуруп алган жоксуңбу?

- Кантип тааныбай калайын.

- Кийим-кечеси тың элеби?

- Айылдагы эле кийими.

- Өлүп кетсин, атамдарды экөөңөр кыйнап бүттүңөр го? - деп Жаңыл сиңдисин урушуп-тилдеп кирди. - Же иш таппай күндө жолго акча коротуп сен жүрөсүң.

- Иштесем берем го, эмне эле ушинте бересиз? - Тултуңдай төргө өтүп отуруп алды. - Жарыя боюнча барсам эле ойдогудай иш болбой калат, анан эмне кылмак элем?

- Шаарда суутуп койгонсуп эмнеге келдиң дейм да, Марс иштебесе биз деле отуруп калмакпыз, мен болсо бала менен үйдөн чыга албайм, - деп эжеси кейип жатты.

- Үйгө келсем эле ушинте бересиз, айылда апам деле ошол, анан качпаганда эмне кылабыз?

- Эртең Кызыл-Аскердеги арак заводуна бар, аерде сендей эле кыздар бөтөлкө жууп иштешет, акчасы дагы жакшы деп уккам.

- Макул, барып көрөм го? - Көңүлсүз күңк этти Мадина.

- Жакпайт деп жүрө берсең сага эмне, бирөө бирдеке бермек беле же кызматка турмак белең? Мектепти да жарытып окуй албадыңар, ушу Адина экөөңөр кимди жарытасыңар билбейм.

- Дагы башталды, ушу силерден тажап бүттүм, деги бир наалыбай отурган күнүңөр болобу?

- Эй кыз, сен мага акыл айта турган болуп калдыңбы, тажасаң каалаган жагыңа кет, атамдарды жыргатпаган мени кыйратып ийсең дагы, андан көрө Марс келгенче жардам берсең боло? - деди жини келген Жаңыл.

- Азыр, жардам берем, эгер эртең иш таппасам Бекмырза акемдикине барам, күндө сиздин жемеңизди уга бербей, - деп туруп кармалашып калды. Марс келип айлык алганын айтып тамак- аш алып келген экен, Мадина жездесине шынаарлай: - Жезде, жумуш таппай эжемден күндө жеме угуп жатам, жолума акча бериңизчи-и, - деди.

- Макул, бир жолу балдызымдын жолуна берип койойунчу, кийин кууп барсам калыңынан көбүрөөк алармын, - деп Марс күлө элүү сом берип койду эле, Мадина аябай сүйүндү. Чынында жолуна он сом табуудан заарканып жүрдү. Кээде тапкан акчасы тийбей, бир сомго зар болгон күндөрү да жок эмес. Жаңыл баарын үнөмдөп, эки кичинекей баласына нанды катып берип, өздөрү кезерип ачка отурган күндөрү Мадина: "Ушундан көрө айылда эле жүрө берсемчи, эми карыз алган акча үчүн мени барганда урушат", - деп жумушка орношууга аракет кылат. Бирок жумуш оңой табыла койбоду. Эртеси дагы радиоузелге келип көпкө турду, ал күнү оңдой берди болуп, бир дунган талаа жумушуна кыз-келиндерди топтоп жаткан экен, аларга кошулуп кетип калды. Май айынын тызылдаган ысыгында чөп отоп, аябай кыйналды. Бир жумада колдору, бети кесилип, азабын жеди. Башкалар жанталашып ашыкча акча табууну көздөп, баш көтөрбөй иштешип, бат эле бир топ акча таап алгандарын көргөндө ойлонуп калат. Жанындагы Ася деген кыз экөө иштей албай бөлүнгөн жерди отоп бүтө албай кечке кыйналышты, же сол түгөнсөчү.

- Ася, сен мурда иштечү белең? - деди Мадина ага.

- Жок, биринчи жолу.

- Мен дагы, иштегим келбей калды.

- Мен да тажап кеттим, ушу акчамды алсам кетем.

- Кайда барасың?

- Башка иш издейм.

- Экөөбүз чогуу кетеличи.

- Макул, - деп экөө кыбырап кечке үч солду араң бүтүп, акысын алышты. Бирге жатып алып, эртең менен шаарга баса беришти. Тапкан акчасы эки жумада зорго үч жүз сом болуптур, ал акчаларына экөө базарга кирип, тамак ичип, керектүүсүн алмак болушту эле, эчтекеге жетпеди.

- Кайдан жумуш иштейбиз? - деп Ася Мадинанын суроолуу караганда Мадина ийин куушура аргасыз күлдү:

- Билбейм, ушунча күн жүрүп эмне таптың деп эжем мени урушат, үйгө баргым келбей турат.

- Анда экөөбүз батир таппайлыбы?

- Жо-ок, эжем таап алса өлтүрөт.

- Анда дагы радиоузелге барып көрбөйлүбү?

- Макул, жүр кеттик. - Экөө радиоузелге келип көпкө турушту, кийим тиккенге көп кыздар кетип жатты. Тиккенди билгенде эмне, жумушсуз калмак эмес экенбиз деп экөө кейип койот. Улам кулак түрүп, жарыяны тыңдашат, бир кезде ашканага загатовкага дегенде экөө тең жөнөштү. Күнү кечке көздөрүн ачыштырып пияз аарчышат, кечинде жүз, жүз элүү сом алып кеч чыгышат, кеч келсе Жаңыл ажылдап урушат. Акыры жатаканасы бар жумуш издеп тапты, жатаар жери болгону менен жарытылуу маянасы жок. Каткан акчасына же үстүнө кийим ала албайт, же карды тойбойт. Бир күнү эмне кылаарын билбей жолдо келатса бир жигит анын жолун тосуп калды:

- Чоң кыз, таанышып албайлыбы?

- Башты оорутпачы, - деп өтүп кетээрде ал колдон кармап калды. Кеч күүгүм болчу, кыйкырайын десе көчөдө эл аягы тыйылып калган.

- Койо бериңизчи, мен кетишим керек.

- Шашпа-а, татынакай кыз экенсиң, көңүл ачсак болобу? - деп мылжыңдай кучактамак болгондо Мадина аны түртүп ийип, качып жөнөдү. Тигил кызды кууп келип, көп узабай эле кармап алды. - Эмне, сен кызсыңбы, ишенбейм, азыр кыздар көчөдө жүрбөйт, кел сага канча акча керек, айтканыңды берем, - деп жолдон ары сүйрөп барып, таштанды төгүлгөн челектердин жанына бырпыратып басып жыгылды. Кыйкырганына эч кимден жооп болбоду, бир топтон кийин тиги шүмшүк өйдө туруп жатып: - Кана кыздыгың, айттым го кыздар үйүндө отурат деп, эн-неңди жалап десе, дагы кыйкырып койгонун кантесиң, - деп бир тээп басып кетти. Ордунан туруп көз жашын көлдөткөн Мадина кайда бараарын билбей ээн көчөдө ыйлап баратты. Өзүн-өзү тилдеп, эмелеки зөөкүрдү каргап-шилеп жатты. Ата-энесинин жанында эчтекеден бейкапар каалаганда басып кетип кайра келип, сарсанаасыз жатып алган күндөрүн эстеди. "Мен акмакмын, мага чала", - деп эжесинин үйүнө барууга маршрутка күтөйүн десе эбак токтоп калган. Бир таксини өзү жалгыз жалдай албай турса дагы эки кыз келди. Үчөө биригип таксиге төлөп, барчу дарегине жетти да, Жаңылдар уктап жатканда эшикти акырын какты.

- Ким? - деген Жаңылдын үнү угулганда:

- Эже, мен, - деди.

- Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң, ыя? Марстан уялып бүттүм, эртерээк келбейт белең? - деп күңкүлдөй кирип жатып алды эжеси. Мадина эс ала түштү, кийиминин баары булганган, чечинип которунган соң бүрүшүп жатып алып, ыйлады. Эртеси жеме уккусу келбей таң заардан чыгып кетти. Асяга телефон чалса ал дале жумуш таппай радиоузелде жүргөнүн айтты эле, аерге барып табышып алды. Кайрадан талаа жумушуна жалданып, пияз отоп иштеп калышты. Жок дегенде жатаканасы тамак-ашы бар деп, элден калбай жанталаша иштегендей болсо да иштери арбыбады. Жаны тынчына карап иштегенине жараша алып жүрө берип, колдору чор болуп, жууна албай кирдеп бүтүштү. Ася бир күнү:

- Мадина, - деди шыбырай. - Мен бир бала менен тааныштым, жанында дагы бирөө бар экен, кафеге чакырып жатат.

- Кандай балдар экен?

- Биздей эле го?

- Иши кылса арам ой эмеспи?

- Сенин көңүлүң калган го?

- Жо-ок ай, мен күйөөдөн чыккам, - деп сөзүн буруп кетти Мадина, анан көз алдына баягы айбандын: "Эн-неңдурайын жалап десе, кыздыгың кана?", - дегени элестеп өзүнчө жыйрыла түштү. - Эрмектешсечи?

- Мен деле кыз эмесмин, - деп күлүп койду Ася.

- Ошон үчүн корком…

- Корккондо эмне. Көңүл ачсак болбойбу, баса, бул кебетебиз менен жийиркенип качып кетишпесе эле, - деди каткыра.

- Эчтекеге көңүлүм жок.

- Жүрү, колу-бетибизди жууп даярданалы, - деп Ася аны ой-боюна койбой жуундуруп, кечкиге даярданышты. Кечке жанталашып иштеген аялдар менен кыздар уктаганга жатышканда алар чатырдан акырын чыгып кетишти. Болжошкон жерге келишсе, эки жигит күтүп туруптур. Таанышып алгандан кийин төртөө машинага түшүп шаарга жөнөштү. Мадина кийиминен уялып:

- Биз жумуштагы бойдонбуз, шаарга барбай эле койолучу, эртең иштешибиз керек, - деди.

- Анда аянттын четине эле сүйлөшүп отуралы, - деди Ася, анын деле кийими мактанаарлык эмес эле.

- Мен барып кыздарды сыйлаганга бирдеме алып келейин, - деди рулда отурган Актан.

- Болуптур, бирок чогуу эле барып келели, - деп Эрнис болбой койду. Чогуу барып камоктон бир топ тамак-аш алышты, түрүнө караганда ал экөө "крутой" жигиттердей көрүндү. Ананчы алдында машинасы болсо, зорго күнүмдүккө жалданып иштеп жүргөн кыздарга укмуш эле көрүндү да. Огороддун четиндеги дүпүйгөн талдын түбүнө алып келгендерин жайып отурушуп кыздарды сыйлап атышкан. Ася болсо Эрниске жармашып эле калды. Экөө анда-мында өбүшө коюп жатышты. Актан токтоорок болгондуктан, Мадинадан ал-жай сурашып коюп отурду. Шараптан аз-аздан ичип отуруп, Ася кызып калды, аны Эрнис ары карай жетелеп кетти.

- Мадина, кайдан болосуң? - деди Актан ошондо.

- Токтогулдан.

- Акындын жеринен турбайсыңбы?

- Ийи.

- Ата-энең барбы?

- Бар.

- Жакшы экен, турмушка чыктың беле?

- Ооба.

- Ажырашкансыңбы?

- Ооба.

- Сүйлөштүң беле?

- Жок.

- Аа-а, - деп коюп Актан көпкө ойлонуп калды. - Мен бир сөз айтсам макул болосуңбу?

- Кандай сөз?

- Мен мурда үйлөнгөм, аялым баламды алып кетип калган. Мен сени үйүмө алып кетем, алты айга контракт түзөбүз, эгерде мага жагып калсаң үйлөнөбүз. Жакпай калсаң алты айдан кийин түзгөн контракт боюнча толук акыңды берем, кете бересиң.

- Кызык го?

- Азыр жашоодо уга элек, көрө элек шумдуктар көп, кана тигилер келгиче сөзүбүздү бүтүрүп алалы, жашың канчада?

- Он сегизге чыктым.

- Алты жаш айрымабыз бар экен, макул десең эртең даяр болуп тур, алып кетем, - деди акырын.

- Билбейм.

- Талаада топурак чеңгээлдеп жүргүчө бардык шарты бар үйдө жашаганың жакшы эмеспи?

- Сизди сүйүп калсамчы? - деди Мадина атайын качырмак болуп.

- Адегенде макулдугуңду берсең шарттарды койобуз да.

- Мен контрактка түшүнбөйт экенмин.

- Анда эртең мен сага түшүндүрүп берейин.

- Эмнеге андай жолду тандадыңыз?

- Көңүлүм калды, аялымды катуу сүйчүмүн.

- Ал сүйгөн эмеспи?

- Ошондой болду, бул сөз оозуңдан чыкпаш керек, - деди Актан Асялардын келе жаткан үнү угулганда. - Экөөбүз келишим түзө турган болсок сен өз шартыңды айтууга акың бар.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Сүйлөштүк анда, - деп унчукпай калды. Аңгыча Эрнис менен Ася жетелеше каткырып келип, орундарына отурушту:

- Ой, силер козголбой эле отурасыңарбы? - деди Эрнис.

- Шашылганда эмне, - деп койду Актан.

- Актан, куйчу алдагыдан, - деп Эрнис колун Асянын ийнине коюп алып, колбасадан алып жеди.

- Келгиле, мындан алып койолу, - деди Актан желим идишти аларга жылдырып.

- Давай, кыздар, көңүлүңөрдү ачкыла, эч тартынбагыла.

- Ансыз да жер чукуп жатып, колдорубуз чор болду, Мадина, кел алабыз, - деп Ася Мадинаны карады. Мадина кууш узун коктунун ичиндеги өзүнүн жигиттери буларга караганда башкачараак экенин сезди, алар кантсе да айылдык эмеспи. Булардан этият болбосо көрбөгөндү көрсөтчүдөй түрү бар. Өзүнүн айылдык жигиттери момураган бечаралар экенине көзү жетти. Төртөө түн бир оокумга чейин отурушту. Эрнис менен Ася ошо жерден эле өбүшө баштап, бир маалда көк чөптө оонап калышты. Актан Мадинаны колтуктан ала тургузуп, ары көздөй басты, кыязы ага тигилердин жагымсыз иши жакпады окшойт.

- Мадина, эртең мен түштө келем, жарыкта келишимди сага түшүндүрүп берейин, туура келсе каласың, жакпаса жеткирип койом.

- Ойлоноюн, мен андайды билбейт экенмин.

- Албетте, билбегениңе түшүнөм.

- Мен чарчадым, кете берсем болобу?

- Азыр, тигилерди айтайын, биздин да кетээр убактыбыз болду, - деп Актан Эрниске карай үн салды. - Эрнис кеттик!

- Ой, эмне болуп кетти? Бир аз койо турбайсыңбы, шашпай тур, - деди Эрнис ага болбой.

- Анда мен Мадинаны жеткирип койойун.

- Эмнеге, Ася экөө бир кетишет, токтой тургула, - деп экөө шашыла кийинип жете келишти, - Эмне болуп кетти, силер эмне эле кыз-жигиттен бетер созуласыңар? Жаркын жашоонун рахатын сезбеген неме экенсиңер го, макул кеттик, - деп машинага отурушуп, Мадина менен Асяны жеткирип, анан кайра тартышты. Жолду ката Эрнис бакылдап сүйлөп келе берди.

- Ася сага жагып калган го? - Актан аны сынай карады.

- Жакканда эмне, бирок төшөктө укмуш экен, далай менен болгон түрү бар, ээ-эк койчу ошолорду, акча табыш үчүн жалданып иштеп жүрүшөт. Апам өзүнө окшогон модалуу, колунда бар үй-бүлөнүн кызын алып берем дейт, мага алары жакпайт, - деп Эрнис Актанды карады. - А сен качан үйлөнөсүң?

- Азырынча жок.

- Баары бир аялың келбейт, үйлөнө берсең болот да?

- Кереги жок, сынап көрүш керек.

- Сен өзүңчө турасың, любою менен жашап көрүп сынасаң болот, ата-энең көрбөйт.

- Ылайыктуусу жок.

- Кызыксың, кыздар толуп жатпайбы?

- Толгондун баарын өзүң көрө бер!

- Анын эмнеси бар, далайды көрдүм, доорду сүрө билиш керек. Үйлөнгөндөн кийин аялың тоскоол болот, анан бала-чакаңды багам деп жүрүп картаясың, ошондуктан жаштык өтө электе ойноп-күлүш керек, до-ос!

- Каалаганыңды кыла бер да, доор сеники, - деп Актан болоор-болбос жылмайып койду. - Өзү сен жашаганды билесиң.

- Сен да пайдалана билсең болот, "жаштыгың барда жанып кал да, күйүп кал", - деген тура илгеркилер. Ал үчүн сенде деле баардыгы бар, өзүң красавчиксиң, кыздар кайдыгер калбайт, сенин ордуңда башка бирөө болсо саат сайын чүрөктөрдү алмаштырмак.

- А мен каалабайм!

- Эмнеге?

- Мен андай болушун каалабайм.

- Кызык экенсиң, шансты кетирсең өзүң бил, - Эрнис ийин куушуруп койду, - башың өз ийиниңде.

- Жеттик, каласыңбы? - Актан Эрнисти карады.

- Давай, жакшы бар, - деп Эрнис түшүп калды.

- Жакшы, - деп койду Актан. Андан ары үйүнө жөнөдү, келсе эшиги ачык, таңгалып акырын кирди. Ашканасынан дабыш чыкканынан башбагып караса Айзат жүрөт. - Сен кайдан? - деди көңүлсүз.

- Эмне, келгенге болбойбу?

- Эмне кылып жатасың?

- Сага тамак жасап жатам, андан көрө жуунуп келип, тамактан.

- Кардым ток, сени келбе дебедим беле?

- Неге, жалгыз эмессиңби?

- Сен кетип калсаң жалгыз болбогондо кантем?

- Мен сени жалгыз калтыргым келген эмес.

- Башты оорутпа, эшикти кантип ачтың?

- Менде ачкыч бар да.

- Эмне?..

- Бир ачкыч бар.

- Кайдан алдың ачкычты, сен кеткенден кийин албадым беле бул үйдү, бала кайда? - Актан жактырбаса дагы баласын сурады. - Сенин керегиң жок, мен баламды көргүм келет.

- Бала атамдарда.

- Ала келбейт белең?

- Мен аны алып келе албайм, - Айзат бери карады. - Умарчикти көргүң келсе Алайга бар.

- Сен биротоло келдиңби?

- Ооба, биротоло келдим, а сен каалайсыңбы менин биротоло келгенимди? - деди Айзат.

- Сен мени баары бир сүйбөйсүң, туурабы?

- Сүйүү-күйүү, баары жомок, сен чарчапсың, тамактанып ал дагы эс ал, - деди Айзат. Актан жуунуп келип, үстөлгө отурду, тамактын жыты буркурайт, тойгончо ичти. Бир кезде Айзатты караса анын алдында идиш жок, өзүн карап отуруптур.

- Сен эмнеге ичпейсиң?

- Сен келе электе ичип алгам.

- Мени менен отуруп тамактангың келбейби? - деди Актан ага.

- Келет, бирок азыр токмун, - деди Айзат. - Сен Алайга барып Умарчикти көрүп келсең боло, менин колум бошобойт, аны алып келсең жакшы болмок.

- Убакыт болгондо барабыз, алып келип алабыз, ээ? - деп Актан Айзатты жылмая карап кучактамак болду. Эми жетип кучактаарда көзүн ачса жанында эч ким жок, машинада отурган экен. Көзүн ирмегилеп башын силкип алды. "Мен эмне болуп турам, эмеле үйдө Айзат менен отурбадым беле, же түш көрдүмбү, ушундай да түш болобу", - деп машинасынан түшүп, эшигин бекитип, үйүнө кирди. Залдагы диванга шалак эте кулады. "Сен Алайга барып Умарчикти алып келсең боло, менин колум бошобойт", - деген сөз эсине түшүп, ойлуу жата берди. Айзат Актандын ажырашкан аялы, Алайлык эле, эки жылдан бери аны көрө элек. "Демек Айзат күйөөгө тийип кеткен го, баланы алып кел дегени ошол да, күйөөсү Умарчикти жакшы көрбөйт окшойт", - деп ойлоп, Алайга барардан мурун үйлөнмөк болду. Бирок кимге? Ушул суроого жооп таба албай эртеси Мадинага жолугуп дагы сүйлөшүп көрмөк болду. Эртең менен чыгып, машинасын такыр от алдыра албай койду, эки жагын карап текшерип көрсө баары жайында. "Эмнеге от албай жатат, баары оңунда, ата-энеме барып кеңешейинчи", - деп дагы бир аракет кылды. Ата-энесине барам дегенде дароо от алып кетти. Жана Мадинага барып жолукмак болгон. Таңгала жолго чыкты. Арстан менен Кенже үйдөн чыга элек эле, эрте келген уулун карап калышты.

- Кандайсыңар, ата, апа? - деп учурашып креслого отура кетти.

- Жакшы, уулум, өзүңдө кандай жаңылык? - деди Арстан аны көз кыйыгы менен карап.

- Сен эми колоктоп бой жүрбөй үйлөн, балам, - деди Кенже.

- Апа, мен Айзатты эле алып келсемби?

- Эмнеге? - Кенже жини келгендей карады баласын.

- Келээр бекен? - Арстан арсар унчукту.

- Келет, ата, - Актан ишенимдүү айтты. - Умар чоңоюп калгандыр эмдигиче.

- Өзүң бил, уулум.

- Анда мен эртең жолго чыгам, Айзат менен Умарды тез эле алып келем, - деп шашылган Актан атасын карады. - Мага бир аз акча керек, ата?

- Ал керек болсо, - деп Арстан санабай туруп эле капчыгынан бир ууч акча алып сунду.

- Рахмат, ата, рахмат, апа, - деп Актан чыгып кетти.

- Бара гой, жолуң болсун, - дешип ата-эне узата карап кала беришти.

- Ал келиниң өзүн Айчүрөктөй көрүп, балаңды каалаганындай калчайт, сүйбөсө ага эмнеге жабышат билбейм, баланы эле алып коюш керек, - деди Арстан.

- Өздөрү билет да, балдардын жашоосуна киришпей эле койгонубуз дурус, - деди Кенже, ошол бойдон алар унчукпай калышты. Актан уулуна оюнчук, кийим-кече алып жолго чыкты. Бир күнү кечке жол жүрүп Ошко келди, эс алып тамактанды. Айзатка деп алтын шакек алган, андан ары Алайга жөнөдү. Кайнатасы Албан өтө бай турчу, Актанды жакшы көрөт, кайненеси Сүйдүм да жакшы аял. "Айзат кайда болду экен, мени кандай кабыл алат", - деп ойлоно рулуна жөлөнүп отуруп калды. Уктап кеттиби же жөн эле ойлондубу билбей калды, жанында Айзат отурат, үстүндө жаңы үйлөнгөндө Кенже алып берген түктүү халат. Башында аппак жоолук, бутунда үйгө кийчү тапочка. Актан аны бурула карап:

- Мен келдим, Умар экөөңөрдү алып кеткени келдим, - деди эле, Айзат сүйкүмдүү жылмайды:

- Жакшы болду, Умар сени менен болгону жакшы.

- А сен эмнеге бара албайм дедиң, үйдө эле турбайсыңбы?

- Мен Умардан аябай алысмын, ал сени менен гана болушу керек, анда үйгө кир, - деп машинадан түшкөндө Актан дагы түштү, бирок Айзат жок. "Эмеле келбеди беле, үйүнө кирип кеттиби?", - деп дарбазага жетип, эшикти акырын ачса короодо боз үй тигилип турат. "Кимиси өлдү экен?", - деп, эч ким көрүнбөгөнүнөн эки жакты абайлай карап баратты. Өкүргөн эсине келбеди. Бир кезде үйдөн Сүйдүм чыга калып Актанды көрүп ыйлап калды:

- Эмнеге, эмнеге келбей койдуң, Айзат сени канча күттү, акыры минтип…

- Апа, мен Айзат менен Умарчикти алып кеткени келдим.

- Эмне-э, сен али уга элексиңби? - деп, Сүйдүм көзүнүн жашын сүртө Актанды үйгө ээрчитип кирди. Албан төрдө үңкүйүп отурган экен.

- Саламатсызбы? - деди саал башын ийкей.

- Саламат, сен бала эмне табалаганы келдиңби? - деди аны жактыра бербей Албан.

- Актан, сен түшүнбөй жатасың, - деп Сүйдүм бышактап, - Айзаттан бир ай мурун айрылып калдык, эми ал жо-ок! - деди буркурай.

- Эмне дейси-из?! - Актан эмеле отурган жеринен тура калды. - Кантип?

- Уккан эмес турбайсыңбы, балам, аны белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетти, табылбай жатат, - Сүйдүм ыйлап жатып айтканда Актандын оозуна сөз кирбей калды, түшү же өңү экенин айырмалай албай, же жубатаар эмне сөз айтаарын билбей калчылдап чыкты.

- Отур, - деди Албан. - Укпасаң эмнеге келдиң, балким билмексен болуп, Айзат жок болгон соң Умарды берет деп келгендирсиң?

- Ата, кечириңиз, өзүм дагы ишенбей турам… - Актан өз көзү менен көргөн окуяны айтканда Албан менен Сүйдүм ишене бербей бири-бирин карап калды. - Ал тургай азыр эле дарбазага кирип кеткен, сен Умарга керексиң деди. - Ошондо гана Актан башын мыкчый отуруп ыйлап ийди. - Башы жок экенмин, мен алыстамын, Умарга бара албайм дегени ошол турбайбы, - деп шолоктоп ыйлап жаты. Ал аңгыча үч жашар Умарды Айзаттын сиңдиси Перизат көтөрүп кирди. Актан аны кучактап алып ого бетер ыйлады, беркилер эч нерсе дей албады. Анан ойлоно түшкөн Актан сыртка чыгып, машинасындагы белектерин, таттуу-паттууларын үйгө алып кирди. Дасторконго коюп, куран окушкандан кийин кетмек болду:

- Балам, сени Айзаттын арбагы атайын алып келген экен, бала сеники, атасы менен болсун деп билип жаткан экен шордуум. Умарды алып кет, бербей койо албайбыз, - деди Сүйдүм жоолугунун уч менен көз кычыгын сүртө. - Кабар берген эмеспиз, ажырашып жүрсө келбейби дедик…

- Айтып койсоңор болмок, - деди Актан жер карай.

- Эми Умарчикти алып кет, чоң ата, чоң энеси менен бирге турсун, баккандан оорлобойбуз, өзүң менен бирге болсун.

- Рахмат, - деп уулун кийинтип, машинага отургузуп, кайната-кайненеси менен коштошо жолго чыкты. Умар эч нерсе менен иши жок гана оюнчуктары менен ойноп келатат. Актан жол бою ар кайсыны ойлонду, кээде жүрөгү болк этип кетет. "Өлгөн адам тирүүдөй эле жолукканы эмнеси, бир ай мурун өлсө, мага эки күн мурун жолукту, бүгүн дагы, шумдугуң кур", - деп, узун жолдо рулду оң-солго бурап, ийри-буйру жолдордон көзүн албайт. Уулу эбак уктап калган, аны, кокустан жыгылып кетеби деген ойдо, ремень менен карматып койгон. Бул өзүнчө эле жомоктой окуянын өзөгү тээ алыста болчу…

Актан Умарды алып ата-энесине таң атканда келди. Түнү бою жол жүргөнгө көзү-көзүнө жармашат, денеси талыкшый уулун көтөрүп кирди. Жаңы гана турган Кенже аларды көрүп кубанып кетти:

- Уулум келген го, кана-кана, уулум, мага келчи, оо садагам десе, чоңоюп калган тура, - деп Умарды Актандын колунан ала коюп, өөп-жыттап жатты. - Айзат да келдиби?

- Жок…

- Эмнеге, ал келбей кантип баланы берди экен?

- Апа, ал…

- Ооба, ал сени менен жашагысы келбей койгондур да, дагы жакшы Умарды бериптир, - деп Кенже небересине кубанып жатты. - Ал өз күнөөсүн сезип, баланы сага берейин деген экен.

- Апа, ал... ал өлүп калыптыр…

- Эмне? - Кенже Актанды селдейе карады.

- Ажал жетсе ким дагы болсо өлөт да, - деди Арстан үстүңкү кабаттан түшүп келатып угуп калып. - Жаны жаннатта болсун бечара…

- Атаны байкушум ай, жапжаш эмес беле, ооруптурбу, Актан? - деп Кенже суроолуу карады.

- Киши колдуу болуптур…

- Эмне дейт, ким өлтүрүптүр аны?

- Актандан кеткенден кийин көп басып кеткендир да, андайда өлүм менен аяктайт. Тынч жүрсө ким тиймек эле? - Арстан ушуларды айтып келип, небересин колуна ала өөп койду. - Кандай, уулум, чоңоюп калдыңбы?

- Карангүн ай, бечара жакшы келин эмес беле! Жөнү жок сүйлөйсүң да, кайдагыны айтпай жүр, өлгөн адамга жаман айткан болчу беле? - деп күйөөсүн жаман көзү менен карап койду Кенже.

- Болуптур эми, чайыңды апкел, мен жумушка кетейин.

- Даяр эле, кел, Актан, бирдеме ичип ал, Умарды менин жаныма эле коюп койосуңбу?

- Ооба, үйдө аны ким карамак эле? - деп Актан үстөлгө атасына катар отурду.

- Уулум, эми башың ачык, менсиз аял алчу болбо, өзүм тандап алып берем, өзүм алам деп атып бузулган кызды алып аягы ушу болду, - деп Арстан Актанга карады. - Жакында министрдин кызы менен таанышууга барабыз.

- Барбайм!

- Эмнеге? - Уулун ормойо карады.

- Жөн эле, жөнөкөй эле адамдын кызын алам.

- Анын кандай экенин кайдан билесиң?

- Кандай болсо да жактырганымды алам, бирок азыр эмес.

- Ой, бала, байкап иш кылганга үйрөнсөң боло, ошол мурун кандай жүргөнүнөн башталат да бары. Өз кылган ишиңе этият болуп жүр, дагы жаза басып алышың мүмкүн. Бул турмуштун эки жагы бар: бир жагы өз баскан изиңди тазалай жүр, экинчи бирөө ичкен аякка башыңды салба!

- Кандайча, түшүнсөм буйрубасын?

- Аны кийин түшүнөсүң, - деп Арстан алдына келген тамакты ичип алып, жумушуна кетти. Актан унчукпады, атасын ал жакшы адам катары сыйлачу. Өзү бала кезден чоң энесинин колунда чоңойду. Аны бакканга өздөрүнүн кудурети жетсе да экөө тең жумушта болгондуктан, бала караганга убактылары болчу эмес. Актан мектепти бүткөн жылы гана Кенже ашказанынан операция болуп, иштегенге жарабай үйдө отуруп калды. Ошондон бери Актанды өздөрүнө алып, окутуп жатышат. Арстан анда жаңыдан чачыранды болгон өлкөбүздө сот болуп иштөөчү, мындан төрт жыл мурун. Азыр жумушка баратып, өткөндү көз алдынан өткөрүп алды. Актанды жаңы гана окууга киргизип, өзү сот залына шашып келген. Келсе мөлтүрөгөн жаш кыз күтүп туруптур. Айзаттын мектепте бирге окуган классташы бар болчу. Ал мектепти бүтөөрү менен эле күйөөгө чыгып, көп өтпөй ажырашып кеткенин уккан. Арадан жарым жыл өткөндө Айзат Алинага жолугуп калды. Экөө ошондон тарта жолугушуп жүргөн. Ошол күнү дагы кафеде отурушту. Алина бир нерседен корккондой шашыла туруп, Айзатка сумкасын кармата койду.

- Кармай турчу, мен тез эле келем, - деп чыгып баратканда аны эки милиционер кармап калды. - Кое бериңиз, эмнеге кармайсыз? - деп чырылдап калганда Айзат басып барды.

- Сиздерге эмне керек, кыз баланы кармаганыңар туура эмес, кылмышкер эмес го? - деди аста.

- Ал, мунусун дагы кармагыла, бөлүмгө алып баргыла, - деп бири айтканда Айзатты бири жетелеп жөнөдү. Айзат капарсыз гана:

- Эгерде күнөөсүздү ушундай мамиледе кордосоңор закондуу түрдө жооп бересиңер. Уят эми Кыргызстандын көчөсүндө кыздардан кылмыш издей баштаганбы? - деп, бөлүмгө барышты. Алина болсо Айзаттын колундагы сумканы караманча танып койду, Айзат анын сумкасынан эки жүз грамм нашаа табылганда эси ооп калды:

- Мына бул эмне? - деди милиционер Айзатка.

- Кечиресиздер, мен мындай болоорун билген жокмун.

- Шерик эмессизби? - Мыскылдай карады. - Билмексен болсом кутулам деп турасыңбы?

- Чын айтам, ал Алинанын сумкасы.

- Көп сөздү кой. Качантан бери иштеп жүрөсүңөр муну менен?

- Оозуңузга карап сүйлөңүз, биз бир саат мурун эле жолукканбыз, мени койо бериңиз, - деди Айзат дале кенебей. - Бул сумканы Алинага берип койгула.

- Сизди бу жерден чыгарбайбыз, соттолосуз! - дегенде Айзаттын заманасы куурулду.

- Мен Алина менен жолугушум керек, сүйлөштүрүңүзчү.

- Болбойт, анын бул үчүнчү жолу түшүшү, - деп Айзатты жалынып-жалбарса да болбой камерага камап коюшту. Акыры сумка Алинаныкы экени аныкталган соң Айзат сот болгончо убактылуу бошонду. Анда дагы алайлык тааныш милиционердин жардамы менен араң бошотушту. Ал полковник Асек Артыкбаев болчу. Акыры иши Султаналиев Арстанбектин колуна түшкөнүн билип сүйлөшкөнү келген. Эң негизгиси күнөөлүү эмес экенин айтып жакшылап сүйлөшмөк, ошентип кабылдамада күтүп отурган жаш кызга Арстан дароо имериле түштү.

- Сизге мүмкүнбү? - деди кыз тура калып.

- Албетте, жумушуңуз болсо.

- Сиз менен сүйлөшүүм керек эле.

- Кириңиз, - деп кабинетин ачып кирип, ордуна отургандан кийин: - Отуруңуз, менин тиешем бар иш болсо, - деди.

- Ооба, биздин ишибиз бир күн мурун сизге келген экен…

- Аты-жөнүңүз ким?

- Албанова Айзат.

- Аа-а, окугамын, таанышып чыккам, кандай сөзүңүз бар?

- Агай, мени угуңузчу, менин эч кандай катышым болгон эмес, жалган жерден айыпталып жатам. Курбумдун андай экенин билбептирмин, атам укса шок болот, Алайда беделдүү адамдардын бири, - деп Айзат ыйлап ийди.

- Та-ак, кыйын иш болгон экен, - деп кыйды көз менен карап койду Арстанбек. Кыздын турган турпатына, мөлтүрөгөн алчадай жүзүнө суктанып турду. "Демек, бул чымчыкты мага кудай өзү жиберген экен", - деп ойлонуп алып, кызды карады. - Курбуң кайда азыр?

- Ал камакта, бул анын экинчи-үчүнчү түшүшү экен, мен анысын билген эмесмин.

- Кам санаба, болгону менин дегениме көнөсүң да, таптаза болуп окууңду окуй бересиң. Бир гана шарт бар, кийин келгениңде жооп бере турган болушуң керек.

- Кандай шарт, агай? - Кыз аны түшүнө албай карады.

- Сен мен айткандай болушуң керек. - Арстан кызды сынап турду. - Сен мени менен болосуң же соттолосуң, - деди акырын.

- Эмне дейсиз?! - Айзат тура калды. - Сиз… сиз ушундай адамсызбы, мендей кызыңыз жокпу, бул сөздү сизден укканыма ишенбей турам, агай?!

- Айтканымды ук, эки жолдун бирин тандашың керек, ошол же соттолуу, баары өз колуңда. Атаңдар куткарып калаар балким? - деп сырдуу карап ручкасы менен столду тыкылдата көз албай отуруп калды. - Бир жумадан кийин сот болот, - деди да, кабинеттен чыкмак болду.

- Сиз айткага көнбөсөм түрмөгө отурамбы? - Ызалуу үн Арстанбектин артынан чыкты. - Менин ата-энем билбесин деген оюм бар, мындай жол менен ата-энемдин маңдайына таптаза көрүнгүчө түрмөдө болгонум дурус.

- Дагы ойлонуп көр, шашылба.

- Мен ойлонуп айттым.

- Бул чечимиң акыркы чечим эмес, демек анте албайсың.

- Көрөбүз! - деп коюп Арстанбекти жөөлөй эшикке чыгып кетти.

- Келесиң, чымчыктай чырылдап келесиң, түрмөнү каалабайсың, - деп Арстан мыскылдуу жылмайып алды да, келээрки кардары менен сүйлөшүүгө жөнөдү. Айзат солкулдап ыйлап кетип баратты: "Неге, неге мындай ишке кабылдым? Алина, сага убалым жетсин сага, кандай ишке кириптер кылдың, сени курбум деп санабай койсом болмок, акмак десе, кайдан сага жолуга калдым экен". Ал атасынан коркту. "Эгер соттолуп түрмөгө отуруп калсам атам приступ болот, өлүп да калышы ыктымал. Сабакка да баралбай уят болом, эл укса эмне дейт, апам намысынан сыртка чыгалбай калат го", - деп баш оогон жагына басып жүрүп, жатаканага кеч келди.

- Айзат, эмнеге кеч келдиң? Сабакка дагы барбадың, - деп бирге окуп, чогуу жашаган Эля деген кыз бежиреп кирди.

- Жумушум чыгып калды, эртең сабакка барам, - деп Айзат эч нерсе болбогондой жооп берди. Экөө күлүп калды. Андан кийин көпкө сүйлөшүп отуруп уктап калышты. Айзат күн санап сот болоор күнгө үч күн калганда Султаналиев Арстанбектин кабинетине аргасыз башбакты.

- Саламатсызбы?

- Саламат, келе бериңиз, - деди Арстан көз айнегинин ылдый кыла. - Келипсиз го?

- Сиз менин күнөөсүз күнөөлүү болгонумду түшүнүңүзчү, атам дагы сиздей эле кызматчы, аны эл алдында уят кылгым келбейт. Менин ушул абалымды укса ал инсульт болот, ансыз дагы кан басымы ар дайым жогору, - деп маңдайына келди. - Мендей кызыңыз бардыр, балаңыз бардыр, кааласаңыз атама калп айтып, айткан акчаңызды берейин, - деп ыйлап, колунан кармап жалынып жатты. Султаналиев анын айтканына солк этпеди:

- Эки гана жол…

- Кайтыңыз сөзүңүздөн, уул-кыздарыңыздын атынан суранам!

- Эки гана жол, мен бир гана сүйлөгөн адаммын, эки сутка калды, - деп ордунан туруп кетти. Айзат селдейип көпкө турду, анын көз алдына түрмө элестеди, атасы угуп алып өлүп калганы көз алдына келди. Жинди болуп кете жаздады, өмүр бою мисирейип катып турган жансыз статуядай сезди өзүн, ушул бойдон турган жеринде өлүүгө да даяр эле. Бир кезде статуяга жан кирди, селт этип алды. "Баары бүттү, түрмөгө отуруп элге шерменде болгондон көрө бул акмактын айтканына көнүп, сырымды ичиме катып жүрүп, зилдеп өлгөнүм жакшы", - деген бүтүм чыгарды да:

- Сиз калагандай болсун, - деди көзүн жума.

- Азамат, ушундай чечимге келээриңди билгем, - деп Арстан мейманкананын аты, дареги жазылган кагазды кыздын колуна карматты. - Кечки саат тогузда барам, ошол жерде бол.

- Жарайт, - деп Айзат чыгып кетти. Ал күнү ал кечке каңгып басып жүрө берди. "Ошондой болгону дурус, баары өз ичимде калат, өзүм көтөрөм. Арман мени өмүр бою ээрчип ала турган болду, ичимден сыздап жүрүп өтөөрмүн. Кыскасы, ата-энемдин жүрөгүн жаралагым келбейт, бир гана өзүм бүтүрүшүм керек", - деп чечимге келди. Кечке маал мейманканага келип, бөлмөнү ачып кирди. Жүрөгү дүкүлдөп, заматта оюу удургуп, бөлмөдөн качып чыккысы келди. Канча отурганы белгисиз, эшик тыкылдаганда чочуп кетти. Калдастай жетип барып, ким деп да сураган жок, ачып жиберди. Маңдайында тамак-аш көтөргөн аял турган.

- Сиздерге даярдалган, алып киришим керек.

- Кириңиз.

- Рахмат, - деп аял апкелгендерин үстөлгө коюп, кайра чыгып кетти. Түрлүү тамактарды карап туруп, карды ачканын билди, бирок ооз тийген да жок. Диванда ойго бата бүрүшүп отура берди. Бир аздан кийин эшик акырын ачылып, Арстан кирди.

- Зерикпедиңби, сулуум?

- ?..

- Тамак ичели…

- ?..

- Да-да-аа, өтө кыйын, көнүп кетесиң. Макул эми, мен сага тийбейм, тамактаналы, - деп үстөлгө колун сунганда эшик тыкылдап, эмелеки аял койкойгон бөтөлкө, рюмкаларды алып кирди. - Коюп кете бериңиз.

- Тамагыңыздар таттуу болсун, - деп аял чыгып кетти.

- Кел, Айзат, азамат кыз экенсиң, мен сенин эрктүүлүгүңө таң калдым, кана эмесе баарын унут. Жөн гана сүйлөшүп отуралы, мен да жакшылап ойлондум, - деп Айзатты карады. - Кел эми чайлашалы, иш деп жүрүп, карындын ачканын да билбей калабыз.

- Иче бериңиз, - Айзат жер карап отуруп айтты.

- Айттым го, мен ойлондум деп, демек жөн гана сүйлөшөбүз.

- Чын элеби?

- Калп айтып көргөн эмесмин.

- Рахмат сизге, - деп Айзат үстөлгө келди. - Сизге рахмат, соттолбоймбу, агай? - Арстанды үмүттүү көздөрү менен тике карады. - Сөзүңүзгө турасызбы?

- Ананчы, баары бүтөт, эки айдын ичинде ишиңди таптаза бүтүрөм, антпесе мени пара алды деп шекишет. Сени капалантып алдым, кечирип кой, кел эми сүйлөшөлү, тамактаналы, мындан аз-аздан алалы, - деп жылмайганда Айзат ага ишенээр-ишенбесин билбей тамактан алды. Анан Арстан өзүнө арак, кызга дары кошулган шараптан куйду. - Көп кыстабайм, ансыз да кыйналдың, намыстуу кыз экенсиң, ар бир атанын кызы сендей болсо өлкө таза болмок. Мени да уяткардың, мындан азыраак алып кой, мен сенин ишиңди бүтүрөм. Сен бир суранычымды аткар, шараптан алып кой.

- Мен ичкен эмесмин.

- Ишиңдин бүтүшү үчүн алып кой эми.

- Макул, агай, сизге рахмат, азыраак алайын. - Айзат рюмканы колуна алып, ууртап кайра койду.

- Рахмат, буйруса ишиңди таптаза бүтүрөм, кабар алып турасың, колуңа акталган кагаз алышың керек.

- Макул.

- Эмесе мен азыр кетем, сен түнөп эртең менен кетээрсиң, ошондуктан дагы бирди алып кой, - деп шараптан кайра куйду. Айзат анын кетем дегенине ишенди. Бир жагынан кубанып алып жиберди. - Рахмат, ушул бойдон сотто жолугабыз, - деди. Тамактан алымыш болуп отурганда Айзат уйкусу келе шалдырай баштады. Өзүн кармана албай эптеп диванга жетип эле кулады. Мыйыгынан жылмайган Арстан аны бир топко суктана карады. "Жаш өтүп кеткенин карачы, мындай сулуулар ымдаганга зар эле, эми чач агала болгондо чычкак кыздар көздү кызартканы жаман экен го", - деп күбүрөнө жарыкты өчүрдү.

Эртең менен Айзат башы зыңылдап ооруп ойгонду. Бүткөн бою ооруксунуп калыптыр, ордунан араң өйдө болуп баратып, кайра отура калды. Ошондо гана ал өзүнүн алданганын билди. Өңү боппоз болуп, колунан келсе эмеле жетип, бычак менен жарып салгысы бар. Бирок андай нерсе колунан келмек эмес. "Акмак", - деп алды ызырына. Көпкө көзүнүн жашын көлдөтүп отуруп, түшкө жуук жуунуп-таранып алып чыгып кетти. Сабагына барган жок, жатаканага келип, керебетинде сулап жатты. Бирок адамды жакшы ой, жакшы тилек алаксытат эмеспи. Айзат аргасыз сабагына барып, анан дагы тереңдеп билип алууга тырышты. Бир аз тартыла түштү. Сот да болуп өттү, Айзатты көпчүлүкө жарыя кылбай жабык түрдө сот актап чыгарып койду. Эки айга чейин милиция анын жүрүм-турумунан кабар алып турмак болду. Жатаканага келатып Алинаны эстеди, бүгүнкү сотто ал тарапты караган да, учурашкан да эмес. Соттун чечимин уккандан кийин түз эле чыгып баса берген. Эми курбусуна боору ооруду.

Баары бүткөндөн кийин бир аз көңүлү тына түшкөн. Бир күнү окуу жайга Султаналиев телефон чалып, агасы экенин айтып, жолугайын дедим эле дептир. Аны укканда Айзат таңгалып калды. Жолугушчу жерге барса, күтүп туруптур.

- Саламатсызбы…

- Саламат, кел, Айзат.

- Келдим, чакырган экенсиз...

- Чакырдым, бир аз иштер болуп калды, сенин документтериңди жабыш кыйын болуп атат. Дагы бир аз күтөсүң го, мен аракет кылып жатам, кыскасы ата-энең, эл журт билбегендей болот, андан кам санаба.

- Дагы канча күтөм?

- Бир жарым ай.

- Ошондо так бүтөбү?

- Бүтөт, эми сага бир аз белек даярдаттым эле, жүрү мени менен, - деген Арстан кафеге кирди. Айзат эч нерсе дей албай артынан бара берди. - Отур, - деп өзү маңдайына отурду.

- Мен бара берсем болот эле…

- Жо-ок, бүгүн сенин эң баалуу күнүң экенин унутуп калдыңбы? - деп жылмая карады, ошол кезде торт, гүл алып официант келди:

- Бул сизге, - деди Айзатты жылмая карап.

- Ким берди муну? - Айзат таңгала карады.

- Ал жашыруун, - деди да, официант басып кетти.

- Кызык, бүгүн туулган күнүм экенин өзүм дагы унутуп калыпмын.

- Боло берет, кана тамактан алып отур, - деди Арстан.

- Рахмат, - Айзат тамактан жеп жатты. Арстан импорт шарап алдырды.

- Мындай күндө ичпеске болбойт, жылына бир келчү майрам го бул.

- Кереги жок, мага кыстабаңызчы…

- Бир аз алып кой эми, - деп суранды Арстан, Айзат ойлонуп отуруп, "Эми эмнем калды, белекти жаш жигиттен албай атамдай адамдан алдым. Баары бир эмеспи, тагдырым ушундай болсо көрө берейин", - деп көзүн жумуп ичип жиберди. Анан Арстан ага алтын чынжыр менен шакек белек кылды.

- Бул белегиңизди ала албайм, - деди Айзат.

- Неге, мен сени аябай жактырып калдым, суранам жок дебе. Менин көрөөр көзүм бол, сени эч нерседен кем кылбайм, үстүңдө үй, алдыңда машина, кол алдыңда жумушкериң болот, - деп отурган жеринен туруп, Айзаттын бутуна тизелей калды. - Сунушумду четке какпа, Айзат кыз.

Айзат тегерете кафенин ичин караса эч ким жок, экөө гана экен, кыз түшүндү. Көрсө, эки саатка акысын төлөп, экөө гана отурмак болуптур.

- Бул эмне кылганыңыз, бирөө көрсө эмне дейт?

- Эч ким көрбөйт, сен макул демейин ушунумдан жазбай отура берем, кана жооп бер!

- Кызык адам экенсиз?

- Жообуңду уккум келет.

- Мен…

- Айзат, суранам!

- Мен…

- Суранам.

- Неге, неге минтип жатасыз? - Айзат ыйлап ийди.

- Сөзүңдү күтөм, Айзат, жок дебе, сен үчүн баарына кайылмын! - деп колунан кармады. - Сенсиз менде күн жок, Айзат.

- Колумду койо бериңизчи.

- Жок, койо бербейм, жообуңду укмайын тура берем.

- Болуптур, өйдө болуңузчу, - деди Айзат уялганынан. - Өзүңүздүн ким экениңизди билбейт экенсиз.

- Мен деле адаммын, жүрөгүм бар, Айзат, сүйүү адамды жинди кылаары шексиз, акылымдан ажырагандай болдум.

Айзат үндөбөдү, көзүнүн жашын куюлтуп отура берди. Алинаны каргады, ал болбосо тынч гана жашай бермек. Мындай окуяга туш болгонуна жүрөгү сыйрылып чыкты. Дал ушул окуя акыры келип, Арстан экөөнү жакын адам катары эмес, душман катары бир үйгө бириктирип, тагдыр тамашасына кабылтаарын ошол убакта экөө тең билген жок. Арстан Айзатты ээрчитип чыгып, кабат үйлөрдүн бирине алып барды, анда баары мурдатан даярдалган. Жасалгалуу эки бөлмөлүү батирде ал түнү түнөп калышты. Бул жолу Айзат саал тартынганы менен тагдырына аргасыз баш ийди. Ошондон кийин Айзат бардыгына кайыл болуп окуусун таштап, Арстандан качып кетти. Жумуш издеп таап, иштеп калды. Бир күнү ал аялдамада турганда жанына бир жигит келди:

- Чоң кыз, таанышып алсак кантет? - деп тийишип калды, саал кызуу болчу. - Мен сизди жактырып калдым.

- Кыз көрүнсө эле ушинте бересизби?

- Жо-ок, бирок чын айтам, менин атым Актан, а сиздикичи? - деп жүзүнө тигилди. - Кана атыңызды айтып коюңузчу?

- Ошол эле керек болсо болуптур, - деген Айзат аны тигиле карап, - менин атым Айзат, - деди да, артына шарт бурулду.

- Айзат, кайда барасың?

- Ак-Өргөөгө.

- Анда мен да ошол жакка барам, чогуу кетели, менде машина бар, жүр, жүр эми, - деп жооп күтпөй эле колдон алды. - Мен өмүрүмдө эч кимди сүйбөйм деп ойлогом, азыр өзүмө таңгалып турам. - Актан унаасына жетип, эшигин ачты. - Отуруңуз, - деди колун жаңсай.

- Сиз ырас эле Ак-Өргөөдө турасызбы? - деп Айзат андан сурап койду. "Жакшынакай жигит экен, мурда жолукса эмне, бул мени сүйөм десе кайсы арым менен макул болом" деп жүрөгү жанчылды.

- Ооба, ошол жакта турам, - деп Актан калп жооп берди. Ал кызды чын дили менен сүйүп турду, бир көрүп сүйдү. Тагдырдын түйгүлүк ташы ошентип Айзатты кайрадан Арстандын көзүнүн карегиндей болгон жалгыз уулуна жолуктурду. Ушул тапта Айзат билген болсо андан да безе качпайт беле. Бирок келбеттүү, узун бойлуу жигит ага жагып турду, ансайын аргасы куруп, жан дүйнөсү эңшерилди. Арстандын жүрөгүн жаралап кеткенине он беш күндөй болгон, тааныганына бир жарым айдай болуп калган. Акыркы жолу жолугуп качып кеткенден жарым ай өткөндө Актанга жолугуп отурат. Актан ага жүрөгү толо сүйүү, кучагы толо бакыт тартуулап, сүйүүнүн рахатына бөлөөрүн ал туйбады, бирок өзү ага тартыла түшкөнүн сезди. Ал күнү жеткирип коюп, сыпайы коштошуп кете берди. Ошондон тартып Айзаттын жан дүйнөсүндө эки бет уруш жүрүп жаткандай болду. "Неге мен ага алдандым? Ал менин жаштыгымды, бактымды талкалады, таза сезимимди булгады. Үйүң өрттөнсүн, Султаналиев, сени акыйкат иш жүргүзгөн сот деп ким айтат, акмак, жүзү кара", - деп бир ыйласа, "Баары бир өз бактым үчүн күрөшүшүм керек. Мен Актанды сүйүп калдым, эми андан өлүм ажыратпаса ажырабайм", - деп ойлоп, чечкиндүүлүгү артып баратты. Актан аны күндө жумушуна алып барат, кайра жумуштан үйүнө жеткирет. Ошентип эки жаш бири-биринин жүрөгүнөн түнөк таап, бири-бирин көрбөсө тура албай калышты. Бир күнү Актан аны гүл менен тосуп алды, гүлдүн тең ортосунда кичинекей кат жүрөт.

- Оо-ой, Акта-ан, бул магабы? - деди аны көргөн Айзат көзүн бакырайта.

- Албетте сага, ушул жашка келип бир кызга гүл бере элек экенмин, эң алгачкы арнаган гүлүм сен үчүн, Айзат. Бул гүл менин жүрөктөгү толуп-ташкан ак сүйүүмдүн белгиси, кабыл алчы, алтыным! - деди ийиле.

- Рахмат, кабыл алдым, - деп жадырап алып жатканда жүрөгү сыйрыла ачышып кетти. "Неге ушул күн мурун келбеди, неге бакыт менден жүзүн жашырып кеч жолукту, кантип аппак сезимине так калтырам, кантип буга чын сырымды айтам?", - деп Актанды тиктеген бойдон жүзүнөн мончоктогон жашы куюлду.

- Сага эмне болду, Айзат? - Актан чочуп аны кармай калды. - Капа болуп калдыңбы мага?

- Жо-ок, Актан, не деп айтаарымды да билбей калдым. Сенин бул сунушуңду кантип кабыл алаарымды, кандай жооп айтаарымды билбей дабдаарып турам, бакытка балкып турам, Актан! - дегенде Актан:

- Болду, мындан ашык жооптун кереги жок, - деп сүйгөнүнү сыга кучактады. - Мен сени бактылуу кылганга сөз берем!

- Ишенем, - Айзат шыбырай сүйлөдү, - ишенем сага…

- Айзат, жүрү, бир жерге барып тамактаналычы, - деген Актан Айзатты колдон ала унаага отургузуп, айдап жөнөдү. Алар шаар четиндеги "Парламент" ресторанына кирип баратып, бири-бирин карап каткырып алышты. Ушул мүнөттө эки жаш өзүнчө эле бактылуу болчу. Ошол күнү Актан үйүнө кубанычтуу келди, ал атасына караганда Кенжеге жакын эле, кыздан бетер сырдашып калчу:

- Апа, - деди ал Кенжеге шынаарлай, - үйлөнсөм болобу?

- Уулум, - Кенже эмне дээрин билбей таңгала карады, - ким экен ал сулуу кыз? - Күлмүңдөй уулун өптү.

- Бир кыз, апа, ал сага жагат, аябай жакшы кыз, атам макул болобу?

- Эмнеге, кайра кубанат да, атаң экөөбүз кеңешели, анан сени үйлөнткөнгө камыналы, уулум, бирок ал кандай кыз, кандай үй-бүлөдөн, ошону билчи.

- Апа-а, ата-энесинин мага эмне кереги бар, мен кыздын өзүм сүйөм, ошондуктан ага үйлөнөм.

- Ма-акул, уулум, атаң келсе айтам, - деп Кенже ойлонуп калды. Актан кайра шашылыш чыгып кетти. Ошол күнү Айзат экөө ээн жакка барып, жайкы жашыл ыраң үстүндө кучакташып отурушту. Ортодо таттуу шарап, тамак-аш. Айзат дагы Актандын кандай үй-бүлөдөн экенине кызыккан жок. Экөө ичип-жеп отуруп, өбүшүп, анан төшөлгөн төшөккө узунунан түшүп кучакташа жатып калышты. Алар улам шараптан ичип жатып бир топ кызып калышкан, эмне кылып жатканын да билишпеди. Бир аздан кийин экөө көлөкөдө уктап калышты. Айзат баарын билип эле турду, Актандан сөз күттү, анан ызаланып, "Эми мени таштап кетет, мен кыз болбосом алмак беле, мейли аз да болсо бактылуу болуп калдым, көкүрөктөгү арманымды аз да болсо унуткарып, көңүлүмдү ачты", - деп ыйлап жаткан. Актан көзүн ачып, анын ыйлап атканын көрүп:

- Кечирип койчу, Айзат, мен сага үйлөнөм, мени кечир, - деп ууртунуна өпкөндө Айзат унчуккан жок. - Апама айттым, бүгүн атам экөө кеңешишет, анан сени алып кетем, өкүнбө ээ, жаным?

- Актан, мен өкүнбөйм, мен сага өзүмдү арнап койдум, мындан ары сендикмин, сен каалагандай болом, - деп жаштуу көздөрү менен Актанды карап мойнуна колун артты. - Сени мен бактылуу кыла аламбы?!

- Бири-бирибизди сөзсүз бактылуу кылабыз, алтыным, сен жанымда болсоң эле мен чексиз бакытка бөлөнүп калам. Сени акылымдан адашканча сүйдүм, Айзат.

- Сүйүүңө сүйүүм менен жооп берем, өлөөр-өлгүчө сени эч бир жанга алмаштырбас үчүн ант берем!

- Мен дагы, - деп бири-бирин кучактап, таттуу өбүшүп алып, кайра кайтышты. Жолдо келатып улам бири көз кыйыгын салганда көздөр чагылыша түшөт, ошондо эки жүрөк тең ток ургандай зырп этип айлаларын таппай кетип баратышты. Актан Айзатты жашаган жерине жеткирип коштошту да, өзү үйүн көздөй ашыкты. Келсе атасы үйдө экен, кийинки кездери ал сиркеси суу көтөрбөй зиркилдеп, эч кимди жактырбай жүргөн. Айзаттын окуусун таштай качып кеткени ага катуу сокку болду. Ага деп арнап үй алып койгон, күнүнө бир маал ал үйгө барып кайтат. "Кайда жүрөсүң, Айзат, мен сени бүт жан дүйнөм менен сүйбөдүм беле, неге мени теңсинбедиң? Бүт дүйнөнү сенден аябас элем, ал тургай мурасты экиге бөлүп, бир бөлүгүн сага бермекмин. Түбөлүк жанымда бол деп суранбадым беле, улуу башымды кичик кылып алдыңа чөгөлөбөдүм беле", - деп ойлонуп алапайын таппай жүргөндө үйүнө келсе Кенже алдына тамагын коюп, бир сөз айтчудай күлүп ага жасакерлене:

- Арстан, бир жаңылык айтайынбы? - деди.

- Дагы кандай жаңылык? - Ал жактыра бербей карады.

- Эмне күндө эле жаңылык угуп тажагандай болдуң беле?

- Айта бер эми кандай жаңылык?

- Уулуң үйлөнөм дейт…

- Эмне, үйлөнөм дейт дейсиңби?

- Ооба, үйлөнөт экен?

- Кимге үйлөнөт экен?

- Ким экенин билбейм, сулуу кыз имиш, балаң өзү сүйөт экен.

- Сүйсө да кимдигин билиш керек го?

- Келсе сурап көр.

- Макул, сураштырып көрөлү, андай эле үйлөнө турган болсо өзүбүз тапканыбыз дурус болмок.

- Байкап көрөсүң да?

- Ооба, менин колум бошобой калбадыбы, прокурор Дубанаевдин кызы быйыл мектепти бүтүрүптүр, ошого тааныштырмак болдум эле.

- Өз оюна коюп көр, балким жакшы кыздыр, Актанга жакса болду да, - деди Кенже өзүнчө жылмайып. - Уулумдун бой жеткенин байкабай калган экенмин, көрсө үйлөнө турган болуп калган тура.

- Болду эми, орун даяр болсо эс алайын, чарчадым, кемпир.

- Эс ала бер, орун даяр.

- Макул, - деп ордунан турганда Актан кирди. Ал атасы менен учурашып, анан тамактанганы үстөлгө отурду. - Эй, бала, кандай кызга үйлөнгөнү жүрөсүң? - деди ага Арстан.

- Кыздардай эле кызга.

- Мен аны сураган жокмун, бизге туура келеби?

- Дагы баягыңар башталдыбы, минте берсеңер жөн эле жашай берем, үйлөнтпөй эле койгула! - деп Актан өз бөлмөсүн карай жөнөдү.

- Актан, кардыңды тойгузсаң боло, балам?

- Тойдум.

- Тим кой, сөз укпаган немени, - деп Арстан дагы жатчу бөлмөгө кирип кетти. Кенже кесеге тамак куюп, уулунун бөлмөсүнө кирди. Актан үңүрөйүп чалкасынан жаткан, жадагалса кийимин да чечпеген бойдон жатыптыр.

- Актан, келе гой тамак ичип алчы.

- Ичпейм.

- Кардың ачкандыр, уулум, атаң айта берет, аны билесиң да, бат эле жазылып кетет.

- Жазылбаса койсун, мен бул үйгө алып келбейм.

- Эмнеге?

- Чоң атамдарга алып барам, ансыз деле мени ошолор бакпады беле?

- Кой, балам, сен биздин жалгыз балабызсың, өзүбүз эле үйлөнтөбүз, чоң той беребиз, үлпөт той өткөрөбүз.

- Жок, апа, жөнөкөй эле үйлөнөм, - деп тескери карап кетти.

- Тамак ичип алсаң боло?

- Ичпейм, - деп сурк этти Актан. Кенже тамакты коюп койду да, чыгып кетти. Күйөөсүнө айтып көндүрдү, эртеси кеңешели десе, Актан таң эрте туруп кетип калыптыр. Ал күнү чоң атасына барып, макулдашып келди, кечке маал Айзатты алып кетти. Достору менен ырдап-бийлеп келинди үйгө киргизишти. Арстандын атасы Султаналы абдан жакшы турат, колунда эки уул, эки келини бар. Бапырашып кой союп, келинди киргизип, уул-келинге улак садага чабышты. Колу-коңшусун чакырып, түлөөсүн өткөрүп жатканда Арстан менен Кенже келди. Жаштар дүрбөп калышты, Айзаттын кулагына:

- Сот кайнатаң келди, - деп бири шыбыраганда жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болк этип алды.

- Ким деген сот?

- Султаналиев Арстанбек.

- Эмне, Актандын атасыбы?

- Ооба, сага эмне болду?

- Эчтеке, - деп жүзү кубарып куураган чөптөй отуруп калганда Кенже кирди:

- Айланайын десе, уулумдун каалап алганы биздин дагы балабыз болбойбу, - деп кирип көшөгөнү ачып, Айзатты бетинен өптү. - Бактылуу болгула, садага.

- Рахмат, - деп ийиле жүгүнүп жатып, кышкы аязда үшүгөн чаарчыктай бүт денесин калчылдак басып кетти. Кенженин артынан Арстан кирди:

- Жүгүнүп кой, кызым, бул кайнатаң болот, Актандын атасы, - деген Кенженин үнү тээ алыстан угулгандай болду. Эңкейип жүгүнүп жатканда аны көргөн Арстан:

- Кенже, кеттик үйгө! - деп шарт артка бурулду. Ошол бойдон бир жума кан басымы көтөрүлүп ооруп калды. Жөн жатпай Актанды аялы менен үйгө алып кел деп Кенжени жөнөттү. Актан атасынын чакырганына кубанып, Айзатты ээрчитип, алар менен бирге ата-энеси, жеңелери болуп чогуу келишти. Султаналы Алайга кичүү уулу Үрүстөмбекти жөнөткөн. Арстан Актанды чакырып алып:

- Бул аял менен жашай албайсың, ушундайда кетир, - деди эле, уулу жини келе:

- Эмне, кетир деп айтыш үчүн чакырдыңбы, андай болсо мен бу жерге турбайм! - деп Айзатты жетелеп жөнөгөндө үйдөгүлөр чурулдап кетирбей койду. Ошол бойдон Айзат өзүнчө, Арстан өзүнчө азап чегип жатты, бирок эч кимге билгизишпеди. Жан кыйнаган санаадан саргайып бүткөн Арстан: "Бул атайын жасаган экен, акмак десе, менден өч алгысы келгениби, эми кандай болот? Актандын болсо башы айланып калыптыр, эми муну ажыратуу кыйын, кантип келиним катары мамиле жасайм", - деп оорусу күчөп, кайра-кайра кан басымы көтөрүлө берди. Айзаттын ата-энеси алдына ачуу басар баргандан кийин кууп келип кетти. Арстан алардын үстүнө кирбеди, ырым-жырымы бүткөн соң туугандары кетип бир үйдө төртөө калды. Бир күнү эртең менен Актан сабакка кеткен. Кенже сыртта жүргөн. Айзат жаңы туруп келатканда Арстан жакын барып:

- Сен ушинтип мени жеңем дедиңби? - деди акырын.

- Жок, билбей калдым.

- Калп, сен бул жерде калам деп ойлобо, Актан жокто кетип кал! - деди да, чыгып кетти.

- Мен Актандан ажырабайм! - деп Айзат кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Арстан эмне кылаарын билбей муштумун түйүп, тишин кычыратып кала берди. Ошентип эл барда сыйлашып, эч ким жокто тирешип убакыт өтө берди. Кенже Айзатты жакшы көрүп калды, кош бойлуу экенин билгенден бери ого бетер өнтөлөп, каалаган тамагын жасап берет. Актан болсо андан бетер жанынан чыкпайт, бул кезде арадан бир ай өтүп кеткен. Кенже келинине алма алып келип бермек болуп базарга кеткен, Актан сабакта. Жумушка ооруп чыга албай жүргөн Арстан уул-келининин бөлмөсүнө жакындады, ал бирөө көрүп калабы деп чочулап турганда эшикти Айзат ачып жиберди.

- Мен сага бул үйдөн кет дегем, алигиче жүргөнүң кандай?

- Кетейин деген оюм жок.

- Анда мурдагы ишиңди улантып сотко ашырамын.

- Өз абийириңди ачкың келсе…

- Кеткин, оюнду башка жерге кой.

- Башкалар биздин сырды билбейт.

- Баламды тапканың эмнең, башкага тийсең эмне болот эле?

- Мен Актанды сүйөм, боюмда бар!

- Ка-алп! - Арстан бакырып ийди. - Сен акмак экенсиң.

- Мен эмес, сиз акмаксыз.

- Жүзү кара.

- Сиз жүзү карасыз, менин тагдырымды талкалаган.

- Бас үнүңдү, көргүм келбейт.

- Мен дагы көргүм келип турган жокмун, эми балалуу болобуз, тоскоол болбоңуз!

- Шерменде! - деген Арстан ылдый түшүп кетти, жаны жай албай бөлмөсүндө басып жүрө берди, бир топтон кийин Кенже келди.

- Айзаттын алма жегиси келет экен, эсиңдеби мен кош бойлуу экенимде дагы алма жегим келген. Ошондуктан базарга эрте барып алма алып келдим, жакында неберелүү болобуз, атасы.

- Жанагы эси жок уулуңду айт, мынабу сур жыланды жеткирип салсын! - деп аялына заарын чача кыйкырды.

- Сен жинди болдуңбу, Актан өзү каалап алып отурат, ата-энеси жакшы адамдар экен, өзүбүзгө тең эле, - деп Кенже күйөөсүн таңгала карады. - Эмнеге уулуңдун алганын жаман көрүп туруп алдың, мунуң жакшы эмес, эми балалуу болгону турушат.

- Кереги жок, кетсин!

- Сага эмне болуп жүрөт, Айзат келгени жинди болгондой эле түрүң өзгөрдү, деги дени-кардың сообу? - деди Кенже ага күмөнсүй карап. - Же мурун Айзатты билчү белең?

- Эмне деп жатасың, байкап сүйлөсөң боло, мага жакпайт ушул келиниң. Мен алып берем деген башка кыз бар эле, ошону алып бермекмин, тилимди албай койгонуна ушуну жек көрүп кетем да. Жылтыраган өңүнө балаң азгырылып калган тура мунун, - деп Арстан сөзүн зорго оңдоду.

- Кандай болгон күндө да балалуу болгону калды, Айзат өзү тири карак келин, эми тим кой жашай берсин.

- Жашаса жашай берсин, колубуздан эмне келет эле…

- Колдон келет деп кетирип ийгенде, жалгыз балаңдын көңүлүн калтырасың. Баласы алыстап калат, - деди Кенже күйөөсүнө, Арстан унчукпай калды. Ал аргасыз эле, эгер бир сөзүнөн жаңылса бүт үй-бүлөсү чачыраганы турат. Эң башкысы ачууну ичинен жеңип, акыры келинин кетирмек болду оюнда. Билинбей табышмактуу күндөр өтө берди. Арстан ден-соолугу жайына келгенден кийин жумушуна чыгып кеткен. Айзат ал жокто үйдө ээн-эркин жүрө баштады. Кеч кирди дегиче жүрөгү мыкчыла азаптана баштайт. Бир күнү Айзат сабактан келген Актанга:

- Актан, мен бул үйдөн аябай тажап кеттим, атаң мени акшыя караганда ичкен ашым тамагыма тыгылат, - деди кабак бүркөй.

- Эмнеге, жаным?

- Билбейм, атаң мени жек көрөт.

- Көрөсүң, акыры өзү эле жакшы көрүп кетет, балалуу болгондо небересин көрүп эле жибип калат, - деп Актан Айзатты бооруна кысып өөп жатты. - Алтыным, чыдачы азыраак.

- Билбейм, Актан, мени эч качан жакшы көрбөйт го?

- Антип жаман ойлобо, апам болсо сени өз кызындай эле көрөт.

- Апам жакшы киши, мен дагы апамды жакшы көрөм, ал менин өз энемдей камкор…

- Койчу капаланбачы, баары жайында болот.

- Ошондой болсо кана, - Айзат улутунуп алды, анын жүрөк түпкүрүндө өмүр бою кетпес өкүнүч, арман менен бирге өч да бар эле. Актан Айзатты жанындай көрөт, сабактан сагынып жетип келет, эмитен эле уул болот деп ат даярдап койгон. Айзат ага болбой:

- Мен кыз болушун каалайм, - деди талашып.

- Жок, мен уул болушун каалайм, анткени мен жалгызмын, андан кийин сөзсүз кыз болсун, себеби сага жардам берет.

- Жо-ок, биринчиси кыз болсо жакшы, экөөбүзгө чай берип, үй шыпырып турат, андан кийин уул болсун.

- Ма-акул, сен ойлогондой болсун, - деди Актан ага баш ийе. - Эгер кыз болсо деле мен ага жумуш жасатпайм, мен дагы сот болуп иштесем үйгө жумушчу алабыз, сен жумушчу жумшайсың.

- Жумушчу жумшабай эле сени менен тынч жашасам болду эле, Актан, атаң бизге жашоо бербейби деп корком.

- Эмнеге?

- Деги, бир нерсе туям да…

- Андай жаман ойду башыңдан алып ташта, биз бактылуу гана болушубуз керек, балдарыбыз эч нерседен кемибей жашайт.

- Актан.

- Оов.

- Бөлүнүп кетсек кантет?

- Эмне дейсиң?

- Өзүбүзчө жашасак дейм да.

- Ойлонуп көрөйүнчү, - деди Актан, чынында анын оюна мындай ой келбептир. Айзат өзү да кысылып, санаа тартып арыктап кеткен. Кенже аны кош бойлуулугунан көрүп жүрдү. Негедир Айзат абдан кыйналды, кетип калайын дейт, ата-энесинен коркот, Актанды аяйт. Кетпейин десе мите курттай жеген санаа менен Арстандын көз карашы жанын жай алдырбайт. Аргасы кеткенде бөлүнүп жашасак башкача болуп кетээр бекен деген ойдо болду. Актан бөлүнмөк болгонун айтканда Кенже чочуп кетти.

- Уулум, ал эмне дегениңер?

- Апа, бөлүнүп жашаганыбыз жакшы го дейм? - деп Актан жер карады.

- Болбойт, мен жалгыз уулумду бөлө албайм.

- Апа, биз өзүбүзчө эле турганыбыз туура, Айзат да кысынбай өзүн жакшы сезет, - деп Актан ыңгайсыздана Айзатты карады.

- Эмнеге, Айзатты мен келиним эмес, кызымдай көрөм го, эмнеге кысынасың, Айзат, сен мага өзүмдүн кызымдай элесиң.

- Апа, мен эмес, Актан өзү айтып жатат. - Айзат көзүн ала качты.

- Мен өзүм өзүнчө жашагым келет, апа.

- Мейли, атаңа кеңешмейин мен айта албайм, - деп Кенже уул-келинин суз карап, ойлуу отуруп калды. Актан да ашыкча сөз айта албай келинчегин ээрчите өз бөлмөсүнө кирип кетти. Тынчы кетип, жини келип, бирок катуу айта албаган Кенже Арстандын келишин күттү, бирок ал кечигип жатты. Үчөө кечки тамакты ичип отурган, Айзат тынчсыздана Арстандын көз карашынан заарканып туруп кете албай отурганда Арстан кирди.

- Отурасыңарбы? - деп койду ал костюмун чечип жатып.

- Өзүң кеч келдиң го?

- Жумуш, - деди да, Айзатты теше тиктеди, келин жер карап калды.

- Ушунча да кеч жүрөсүңбү, үй бар деп ойлосоң боло? - деп Кенже акырын гана айта тамак алып келди. - Кардың токтур…

- Кайдан ток болмок эле, айта бересиң да, - деп дагы Айзатты карады. Ал көзүн ала качып туруп кетти, анын артынан Актан турду. Үстөлдө эрди-аял эле калды. Бир топко ортодо тынчтык орноп бири-биринин демин тыңшагандай отурушуп, анан сөздү бири башташ керек экенин сезген Кенже:

- Мурда мындай эмес элең, өзүң менен өзүңсүң, Айзатты жек көрүп, бечара келинди таптакыр корунтуп бүттүң…

- Эмнеге корунат, хандын үйүндөгүдөй эле тайтаңдап жашап жатпайбы?

- Эмесе угуп ал, Актан менен Айзат бөлүнөбүз деп жатат, үй таап берээрсиң, аларга шарты бар үй керек.

- Туура кылат, экөөнүн жашаганын көрөм, ачка калганда кайра келет.

- Койсоңчу, балдарды кыйнаганда эмне, андан көрө аларды көтөрмөлөшүбүз керек го?

- Көгөн баш балаңдын түшүнүгү ошол болсо көрсүн башына келгенин. Ата-энеге кеңешпесе, айтканды укпаса, өз билгенин жасап жашоосун өзү билгиси келсе тим кой, кемпир.

Кенже уул-келинин бөлгүсү келбей ичи ачышып, күйөөсүнө жини келсе да билгизбеди.

- Өзүң бил, бир балага өз акыл-насаатыңды айтпасаң, кайдыгер мамиле жасасаң ишиң болбосун, мен өзүм чечем, - деп туруп кетти. - Мен алар менен бирге кетем, келиним менен уулумдун жанында болом.

- Жинди болбо, үйдө жалгыз каламбы?

- Сен жалгыз калбайсың, көрөөр көздөрүң толуп жатат, уруксат сага, кимди алып келесиң, ким менен жашайсың каалаганыңды кыл, үйлөнүп да алсаң болот! - деди жатчу бөлмөсүнө кирип баратып.

- Да-да-а, биздин үйдөн тынчтык кетти-и, шайтан аралады. Айзаттын келиши менен ынтымагыбыз ыдырамак болду, - деп Арстан жаагын таяна отуруп калды. Ошол бойдон алардын үйүндө чындап эле мамилелер өзгөрдү, чогуу отуруп тамактанмай жок. Кенже күндүзү кетип кеч келет, анткени ал уул-келинине жайлуу үй издеп сатып берүүнү ойлоп, кечигип жатты. Актан келинчегин күндө тынчтандыруу менен алек. Арстан жумуштан кеч келет, ал келгенде баягыдай тосуп алган эч ким жок. Кенже болсо өзүнүн чакан боенчу бөлмөсүнөн чыкпайт. Бир жумадай убакыт өткөндө Кенже өзү эки бөлмө үй таап, сатып алып, Актанга жаздырды да, көчүрүп келди.

- Кана силерге жактыбы, уулум? - деп күлүмсүрөй карады.

- Абдан, абдан жакты, апа, рахмат сага! Айзат, сен кандай деп ойлойсуң, карачы апам биз үчүн кандай кам көргөн? - деди Актан Айзатка карап.

- Эң сонун экен, апа, сизге ыраазымын, - деди Айзат, бирок дал ушул ыңгайсыздыкка, үй-бүлөнүн ыдырап, мамилеси солгундап, суушуна өзүн күнөөлүү сезип турду. "Эгер билсем Актанга тиймек эмесмин, аттиң булар билген күндө кандай акыбалда калышат эле. Эмне кылсам экен, Арстан айткандай эле дайынсыз кетип калсамбы", - деп өзү да кыйналып жүргөн. Ошол күнү Айзаттын ата-энеси кызын төркүлөткөнгө чакыруу жөнөтүптүр. Бул чакырууга да Арстан барбады, Кенже өзү уул-келини менен тууган-уругун, өзүнүн инисин, кайната-кайненесин алып жөнөп калды. Албан менен Сүйдүм аларды абдан жакшы тосуп алышып, сыйлап, кийим-кечени жакшылап кийгизди да, жөнөтмөк болгондо Айзат апасына:

- Мен калып, кийин барайынчы? - деди.

- Эмнеге, күйөөң окууда болсо, кайненең эмне дейт?

- Эчтеке дебейт.

- Сен соосуңбу, жакшы жерден эмнеге минтип жатасың?

- Бир ай калайын, анан өзүм барам, апа.

- Актандан сура.

- Ал эчтеке дебейт, сен айтчы калсын деп.

- Мен эмнеге, өзүң айт. Калам дегениң болбойт, атаң укса дагы эмне дейт, унчукпай жөнө, кийин келип кетесиң, - деп Сүйдүм кызын болбой жөнөтүп ийди. Айзаттын калам дегенин Кенже менен Актан билген жок, саал кабагы бүркөлүп кайткан келинин көрүп:

- Айзат, сага эмне болду? - деди жолдо келе жатканда Кенже.

- Эчтеке болгон жок, апа, бир аз күн калайын десем апам болбой койду, - деди Айзат тултуя.

- Капа болбо, кызым, кийин келип кетесиң, сагынычың тарабай калган экен, мейли сапар тартып баратып нааразы болгон болбойт, - деп Кенже башынан сылай эркелетип койду.

- Эмнеге калмак болдуң, сагынсаң келип турасың, эми жолуң ачылып калды го? - деп Актан кошулду. - Бир айдан кийин төрөсөң, анан келип көпкө жүрүп кетесиң, экөөбүз тең келебиз.

- Макул, - деп койду Айзат, бирок ал эмне кылаар айласын таппай жаткан, сегиз айдан бери кантип чыдап жүргөнүн өзү да билбейт. Балким аны Актандын өзүнө болгон аруу махабатынын күчү токтотуп келген чыгаар. Болбосо ушул үйгө келип, Арстандын кайната болгонун билгенден бери жан дүйнөсү онтобогон ооруга чалдыккан. Эч жери оорубаганы менен жүрөгүнөн кыжаалаттык кетпей күнү-түнү санаа менен алпурушат. Актан жанында болгондо бир аз алаксып, өзүн бактылуу сезип кетет, бирок "Качандыр бир кезде Актан билип калса эмне болот, менин акмактыгымды кечире алабы? Ал кечирген күндө да менин бул үйдө жашаганым, түбөлүк келин болуп жашай бергеним туурабы? Актандын таза жан дүйнөсүн, аппак сүйүүсүн булгаганым болбос, андан көрө кеткеним дурустур. Мен жөнүндө Актан жаман ойлобой, билбеген бойдон кала берсин. Сөзсүз кетишим керек, бала экөөнүкү тең, анда менин тиешем жок", - деген сансыз ойлор менен алпуруша берди. Айзат айы-күнү жетип, уул төрөдү. Кенже ал төрөгөндө өзүнчө келининин келген күнүн эсептеп кирди. Анткени өзү айына жете элек деп жүргөн, дагы бир ай бар деп небересинин ден-соолугун сурап, врачка кайрылса ал:

- Небереңиз жетик, абдан жакшы абалда, - деди.

- Ошондой эле болсун, энеси да жакшыбы?

- Баары жайында, кам санабаңыз.

- Рахмат. - Кенже жылмая кабинеттен чыкты. Ойлуу Айзаттын үстүнө кирди. - Кандай, кызым, акыбалың жакшыбы?

- Жакшы, апа, - деп жылмайды Айзат.

- Мен үйгө барайын, Актан экөөбүз тамак алып келели.

- Макул.

- Жакшы жат, - деп келинин өөп чыгып кетти, ар кайсыны ойлонуп баратты, бирок эч нерсени далилдей албады. "Жаш немелер мурда жатып жүргөндүр, ошон үчүн үйлөнгөнгө шашкан тура", - деген ойго токтолду. Актандын кубанычында чек жок, жер менен баспай эле асманда каалгып учуп жүргөндөй делбектейт. Уулунун атын чоң атасы Султаналынын айтканы боюнча Умар коюшуп, Айзатты үйгө чыгарып келишти. Бир күнү алардын үйүнө Арстан келди, Айзат жалгыз болчу.

- Ийи, кайсы бетиң менен баламды алдап жашап жүрөсүң? - деди кирээри менен эле Айзатка жиндене.

- Сеникиби, Актандыкыбы, баары бир силердики.

- Жап оозуңду, ушундайда баламдын башын бошотуп, үйдөн кетип кал!

- Кеткенди сенден сурабайм, эр-рим бар!

- Ал сага эр болбойт, тукумубузду булгап, уулумду мени менен аралаштырдың, жүзүң курусун!

- Ал сенин күнөөң, кызыңдайларга теңтуш болгон, ушундайда үйдөн чыгып кет! - деди Айзат тилин тартпай.

- Мен сени бул жерге тынч жашатпайм, эгер өлгүң келбесе тынч кетип кал! - деди да, эшикти көздөй басып баратып, артына кайрылды. - Сен, жүзү кара, баламдын башын айлантып алыпсың бошот аны! - дегенде эшик ачылып, Актан кирип келди, акыркы сөзүн угуп калган.

- Ата, ал эмне дегениң, менин башымды айланткыдай мен эмне мал белем, келиниңе ушинткенден уялсаң боло? - деди ачуулуу.

- Уулум, мен сага айткам, өзүм алып берем деп, сен менин кебимди укпадың, көрсө буга байланып калыпсың да, - деп Арстан чыгып кетти.

- Небереңди бир көргөнгө жарабадың, бар, бара бер! - деп Актан артынан кыйкырып кала берди.

- Сен атаңа жакканын алсаң болмок, Актан, чынын айтсам мен деле сени сүйбөйт экенмин, экөөбүз ажырашпасак болбойт, - деди Айзат жер тиктеп. - Сен да жаңылдың, экөөбүз минтип өмүр бою жашай албайбыз. Атаң бул пейлинен жазбайт шекилдүү, сени менен жашап, бала-чакалуу болуп калсак сени сүйүп кетем деп ойлогом. Эми мен жаңылганымды сездим, атаңдын мамилеси сүйдүрмөк тургай суутуп баратат, Актан!

- Бул эмне дегениң?

- Ошол, чындыкты айттым.

- Атам үчүнбү?

- Ал үчүн да, өзүм үчүн да…

- Айзат, сен антпе, мен сени, сен мени сүйөсүң да, биз эч качан ажырашпайбыз.

- Ушинтип көргөн күн курусун, - Айзат ыйлап жатканда наристе да чукуранып калды, Актан ала койду.

- Уулум, кой ыйлаба, апаң бизди таштап эч жакка кетпейт, - деп наристени ууртунан өпкүлөп жатты.

- Актан, - деди Айзат козголбой туруп.

- Ийи.

- Сен мени туура түшүнөсүң да, атаң жок дегенде бир жолу небересине көз салып койбоду, минтип сен экөөбүз түбөлүк жашай албайбыз. Сен го чыдай аласың, өз атаң, мен эч качан чыдай албайм!

- Койчу, Айзат, уулубуз жаңы гана төрөлдү, Умар чоң аталап калганда өзү эле келип кечирим сурайт, - деди Актан күлө. Ошол бойдон Айзат унчукпай калды. Актандын чын дилден айтып жатканын түшүндү, жүрөгү миң жеринен тилине зырп этип алды. "Ушундай тагдырга туш болгонумду кара, Актан эч нерсе биле электе кетишим керек", - деп ойлонуп алды, бирок убакыт өтө берди. Анткени Сүйдүм небересине бешик алып келди. Аны жөнөткөндөн кийин Кенже өзүнүн курбусу, мектептин директору Айтурганды өкүл апа койгон, ал күйөөсү Турдукул экөө келип, Айзаттын кеткенге эч мүмкүнчүлүгү болбоду. Арадан бир жарым ай өткөндө Сүйдүм кайра келди, ал Айзаттын абдан арыктап кеткенин көрүп атайын келген. "Балким бала баккандан кыйналып жатабы, же кайненеси катаалбы, эмнеге мынчалык арыктап кеткен, өзүм барып баласын карашып келейин", - деп чыккан үйүнөн. Ал келгенде Кенже үйдө болчу, ашканада тамак бышырып жаткан. Айзат уулун уктатам деп жатып, кошо уктап калды. Кенже үстүн жылуулап жаап койгон. Уулу бөлүнгөндөн бери Кенженин бир буту өз үйүндө, бир буту келин-уулунукунда. Сүйдүм кирип, кудагыйы менен учураша төргө өтүп, отуруп калды. Айзаттын уктап жатканын көрүп:

- Түндөсү уктаган эмеспи? - деди сөз чыгышын күтүп.

- Умар абдан ыйлаак болду, түнү өзүм алып жатам, ага карабай көп ыйлайт. Эмизип жатып уктап калыптыр, уктасын деп жаап койдум, - деди Кенже.

- Менин балдарым ыйлаак болот эле, түнү менен баланы алып уйкудан калып, күндүзү кир жууп, нан жаап, үй жыйначумун.

- Эми ар бир замандагы жаштардын шарты ар башка да, мен Айзатты аяп эле турам. Көп төрөгөн жокмун, бир гана бала берди кудай, ушуга шүгүр деп, Актанымдын балдарын бакпаганда эмне кылам, кудагый? - Кенже күлүп калды.

- Туура-туура, - деген Сүйдүм Кенжеден эч күмөн таппады. "Өзү ооруп жүргөн го, жашоосу бул болсо, кыйналып жумуш кылбаса, карды ачпаса, эмнеге жүдөгөн тооктой өңдөн азып баратат", - деп санаага жетеленип кетти.

- Кел, кудагый, тамакка кара, - дегенде гана оюнан адашып калды. Экөө тамак үстүндө көпкө кобурашып отурду. Айзат ойгонгон жок. Актан сабагынан келип калды, кайненеси менен учурашып тамактанды, качан бала ойгонгондо гана Айзат кошо ойгонду.

- Оо-ой, апа, качан келип калдыңыз? - деди апасын көрүп.

- Келгеним качан, уктап жатыпсың, ойготкон жокпуз.

- Катуу уктап калыптырмын, - деп жуунуп келип, тамакка отурду. - Апа, тамак жасадыңызбы, мени ойготуп койбойт белеңиз, - деп уялгандай Кенжени карады.

- Эс алып алсын дедим, бала да тынч уктады, түнкүсүн көп ыйлаган жокпу? - деди Кенже. Ошол күнү Кенже үйүнө кетти, Сүйдүм ал кеткенден кийин Айзат менен сүйлөшмөк болду. Актандын көзүнчө эч нерсе дей албады. Актан бир аздан кийин бир жакка кетти, ошондо гана:

- Кызым, сенден кабатыр болуп турам, эмне, бир жериң ооруп жүрөбү? - деди аста карай.

- Жок, апа, эмнеге сурадыңыз?

- Түрүңдү карачы, арыктап бүтүп калдың, бирдемеге санааркагандай түрүң бар, кайненең деле дурус аял экен, же Актан сага жаман айтабы?

- Жо-ок, апа, баары жакшы, кабатыр болбоңуз.

- Анда доктурга көрүнүп көрсөң боло, сен оорулуудай өңүңдөн азып баратасың, мен атайын ошол үчүн келдим, - деп кызынын сырын тарткысы келди эне, ошондо ойлонуп туруп Айзат:

- Мен үйгө баргым келет, апа, алып кетчи, - деди.

- Эмнеге?

- Жөн эле, баргым келет…

- Макул, эртең кудагый келсе кеңешейин, бир айдай жүрүп кел, макулбу?

- Ооба, кайра келем да, - деди Айзат. Анан ашканага кирип, Актанга кат жазды. "Актан, мени кечирим кой, мен кете албай жүргөм, эми апам менен кетип жатам. Анткени өзүмдү кыйнаган азаптан кутулгум келди. Сен мени кечир, мени унут… Мени бир арман курчап алды, неге экенин мен сага айталбайм, бир гана сенин Султаналиев Арстандын уулу экениңди билбегеним чоң күнөөм болду. Анткени ал киши мени өмүр бою жактырбай койору бышык, сени мен кыйнагым келген жок, атаң баары бир мени бул үйдүн мүчөсү катары баалабайт. Сен дагы кыйналасың, муну мен башында эле ойлогонум менен кете албадым, сенин мага деген аппак, таза сүйүүңө кайдыгер боло албадым, ошон үчүн да кечир мени! Мен ата-энем менен гана бактылуу экенмин көрсө, сен менин артымдан барып убара болбо, сени мен сүйбөйм. Умарды унутпа, ал силердин балаңар. Аны сенден бөлгүм келбейт. Мени кечир, Актан, кечир?! Айзат", - деп жазып, төрт бүктөп, Актандын шымынын чөнтөгүнө салып койду. Эртеси алар Ошту көздөй жол тартты. Эч нерсе оюнда жок Актан аларды узатып кайра келди. Сабагына даярданды. Жалгыз аябай зерикти. Кенже ага:

- Айзат келгиче биз менен эле тура бер, - деди.

- Жок, мен биякта эле болом, - деп койду Актан.

- Атаң биз менен жашасын деп жатпайбы?

- Айта берсин!

- Уулум, ал сенин атаң, канткен менен сенден кабатырланат, сени адам болсун дейт, - деп Кенже уулун көндүрмөк болду эле, ал таптакыр болбой койду. Кенже аргасыз ага тамак-аш ташып, кир-когун жууп, өзү карап жатты. Бир айдай болгондо келип калабы деп отуруп, кийиле элек жаңы шымын алып кийип, көчөгө жөнөдү. Үйгө тамак-аш алып келип коймок болгон. Үйдөн чыгып баратып, "Умар чоңоюп калды бекен, мен силерди сагындым, Айзат, тезирээк эле келсеңер экен. Жолго качан чыгасыңар эми, күтө берип тынчым кетип баратат", - деп ойлоп, эки чөнтөгүнө колун салса колуна кагаз урунду. Алып караса төрт бүктөлүү экен, ачып окуп баратып, тык токтоду. "Эмне дегени бул, демек келбейт экен да, ушунун баары атамдын кесири болду. Мен булардын көзүнөн биротоло жоголушум керек же барып өзүм Айзатты алып келишим керек", - деп кайра артка кайрылды. Камоктон сыра алып ичти да, үйүнө үч-төрт банка сыра ала кирди. Ал күнү Кенже келген жок, түнү бою сырадан башка эчтеке ичпей, сабакка дагы барбай жата берди. Сакал-муруту өсүп, жүдөп кеткен, үйдүн ичи бош бөтөлкөгө толду. Үч күндөн кийин үйгө кирген Кенже чочуп кетти:

- Сен эмне болуп калгансың, уулум?

- Эчтеке, көрбөй турасыңбы?

- Айзат көрсө эмне дейт, бүгүн-эртең келип калаар, телефон да чалбады, келип калат, ал келгенче өзүңдү ирээтке келтир.

- Ал эми келбейт!

- Эмнеге?

- Мына муну оку! - деп кагазды колуна берди. - Ооба, апа-а, ал эми келбейт, мен алардан айрылдым, силер эми менден да айрыласыңар!

- Уулум… - Кенже катты окуп, дендароо болуп туруп калды. - Бул катты кайдан таптың?

- Чөнтөккө салып коюптур.

- Капырай де, мен Арстандын канын ичем, баарына ошол күнөөлүү, тур өйдө бирдеме ич. Өзүңдү ушинтип курмандыкка чалгың келеби, андан көрө өзүң барып кел, балам, ага катты окуганыңды айтпа, жөн гана алып кетмек болуп келдим дегин.

- Барбайм!

- Анда мен барып алып келейин.

- Барбай эле кой!

- Эмнеге?

- Тим кой, өз күнүн көрсүн.

- Атаңды айныбай тарткансың, уулум, ошонун кесиринен ушул болуп отурат, сен андан айрымаланып турушуң керек, бул сенин жашооңо дагы кедерги болбойт, - деди Кенже уулуна жалдырай. - Мен атаңдын кандай гана залимдигине чыдабадым, ооба, байлык бар, баары өлүү дүнүйө. Атаң болсо жалаң жаш кыздар менен көңүл ачканын ушул кезге чейин токтотподу…

- Апа, ал жомогуңду угалбайм, менин да жүрөгүмдү жаралады, эми кечирбейм! - Актан ушинтип көздөрүн чакчайта бакырды да, сыртка чуркап чыгып кетти.

Кенже бозоргон бойдон отуруп калды, уулун кечке күтсө да келбеди. Кечке маал үйүнө келсе Арстан күтүп жатыптыр.

- Мени күттүңбү, эмнеге күттүң айтчы? Сенин кесириңден балдар ажырашып отурат, мен сенин айыңдан бир гана уул менен калдым, эми жалгыз уулумду жоготтум, эми бул үйдө мен же сен калышың керек!

- Сен эмне деп жатасың, дагы баягы келиниңби?

- Ооба, ошол, сен аны жек көргөнүң үчүн ал кетип калды. Эми Актан дагы биротоло кетмек болду, окуусун да таштамак болду, кайда кетээрин айткан жок. Мен дагы сенден биротоло кетем!

- Башы жок балаң кетсе кете берсин, а сен кетем дегениңди токтот, кетсең биротоло ажырашып анан кет, бирок эч нерсе алалбайсың, ошол эсиңде болсун!

- Сенин алдамчылык менен тапкан дүнүйөң өзүңө эле буйрусун!

- Оозуңа кара, кимди алдаптырмын?

- Билбейт деп ойлойсуңбу, баары менин көз алдымда өттү, бирин актап, пара алыш үчүн күнөөсүздү түрмөгө тыкканыңды ким билбейт? - деп Кенже атырыла сыртка жөнөгөндө Арстан жетип барып, кармап калды.

- Отуз жылдап бирге жашаган күйөөңдү таштамаксыңбы, мен силерди жакшы жашасын дедим, эч нерседен кем болбосун дедим. Ушунум сага күнөөбү, элде жок заңгыратып үй салдым, чет элдик буюмдарга үйдү толтурдум, бул силер үчүн эмей ким үчүн?

- Эми өзүңө буйрусун!

- Кенже, сөздү бурбай тынч оокатыңды кыл, бу жерден кете турган болсоң мен сени өмүр бою кечирбейм, балаңды дагы!

- Кечир деп жалдырабайм, өз эмгегим менен жашайм!

- Сөзгө кел, Кенже.

- Жок, сен Айзатты кайтарып кел, болбосо кетем.

- Эмне, ошол шермендеге мен барайынбы? Аны көрөйүн деген көзүм жок, алып келсең өзүң бар, канча десең жол каражатыңды ал да барып алып кел. Ал келиниңдин көзүм өткөнчө жүзүнө карабайм! - деп Арстан ары карап кетти. - Актан акылдуу болсо менин айтканымдан чыкмак эмес, мен айткан кызга үйлөнмөк.

- Болуптур, мен Актанды таап алып, Алайга жөнөйүн, - деп Кенже үйдөн чыкты. Арстан башын чеңгелдеген бойдон креслодо отурду. "Деги жашоом тозокко айланды го, кылган күнөөлөрүмдүн жазасын тартып жаткан өңдөнөм, кесирим балама, үй-бүлөмө да тийди", - деп кыжаалат болуп отуруп, бир үйдө соксоюп өзү жалгыз калганын эстеп, жарыкты күйгүздү. Анан ашканага кирди, кандай кылаарын билбеди. Өмүрү тамак жасап да көрбөгөн, айласы куруп чай кайнатмак болду, газ күйгүзүп көрбөптүр. Анан кийинди да, сыртка чыгып, машинасын от алдырды. Бир аздан кийин белгилүү ресторанда тамактанып жатты. Тамакты да оңураак иче албады, Кенженин айткандары кулагына жаңыра берди. "Жо-ок, мен Кенжеден ажырай албайм, баламды да жоготкум келбейт, бирок Айзатты ага унута турган болсо гана каалаганын жасайм", - деп ичип жаткан тамагын таштап туруп кетти. Жолдо келатып ар кайсыны ойлоду. Актан жашаган үйгө келди, эшиги ачык экен, акырын кирди. Эч нерсени сезбей бышактап ыйлап отурган аялын көрүп, боору ооруп кетти. Үнсүз жанына келип, бутуна чөгөлөй колунан кармады.

- Кечир… - деди шыбырай.

- Болду сүйлөбө.

- Кечир мени.

- Кеч болуп калды.

- Жок, Кенже, кеч эмес.

- Кеч…

- Кечирип кой, Кенже, баламды мындай болот деп ойлогон эмесмин.

- Кандай ойлодуң эле?

- Бактылуу болушун каалагам.

- Бактысыз кылдың.

- Жок, оңдоого болот, али убакыт бар.

- Жаңыласың, сенде бир сыр бар, Арстан, - деп Кенже ордунан туруп барып, сумкасынан куран китепти алып келди. - Эгерде Айзатта жашыруун сырың болбосо куранды кармап туруп карган!

- Кенже…

- Карган, эгерде сен мурун Айзатка жолукпаган болсоң.

- Кенже дейм, кантип ушуга оозуң барды?

- Айзатты көргүң келбегенинин бир себеби ушул болууга тийиш, болбосо ата-энеси өзүбүзгө шай келген татынакай келинге эмнеге эрегишип, көргүң келбейт?

- Мен каалаган кызды албаганга, жалгыз уулумду ошол азгырып алганына жиним келген.

- Чырактай уул төрөдү, тун небереңди бир келип өпкөнгө жарабадың, болбосо убакыт өттү, кечире турган убакыт келген.

- Мен кечире албадым…

- Анда сенин бир билгениң бар!

- Жок-жок, Кенже.

- Анда куран кармап карган.

- Жок, Кенже, антип кыйнаба?

- Анда сенин мурда Айзат менен тааныш экениңди Актанга ачык айтам. Ал айынан мурда төрөдү, демек бала сенден!

- Кенже, андай дей көрбө, эч качан андай эмес! Болуптур куранды кармайын, карганайын, Кенже, бирок андай ойдон алыс бол, андай эмес, - деп Кенженин бутун кучактап жалдырай куранды колуна алды. - Ылайым келиним менен мурда тааныш болсом куран урсун!

- Демек корккон жоксуң?

- Эмнеден корком, Кенже, сен мени тирүүлөй тозокко салдың.

- Бул чекеси, эгерде Актан келбесе сени далай азаптар тооруурун эсиңе түйүп ал, сенин кесириң болбосо Айзат кетмек эмес. Эгерде Айзат кетпесе Актан үйдөн кечип окуусун таштамак эмес.

- Кенже, ачууңду токтот, баары өз ордуна келет, мени кечир, үйгө кетели, - деди Арстан Кенжеге.

- Сен бар бер, мен Актанды күтөйүн, келсе сүйлөшөйүн.

- Жүрчү чогуу кетели, өзү келээр…

- Жок, мен барбайм.

- Мейли, мен үйдө болоюн, бирдеме ичтиңби?

- Жүрөгүмө баспайт.

- Ооруп калба.

- Кудай сактасын, бара бер.

- Биерде калсам болбойбу?

- Актан сени көрсө жинденип жүрбөсүн?

- Мейли, барса барайын, сен кечикпей үйгө кайт, Кенже.

- Көрөбүз…

- Капаланбачы эми.

- Ушуга сен жеткирдиң.

- Кечир…

- Бар эми, бара бер.

- Болуптур, кеттим, - деп, башын жерге сала бөлмөдөн чыгып кетти. "Кудай ур, куран кармап каргандым, күнөөм толуп жатып карганганым кудайга жакпайт го. Кечире гөр, жараткан, мындан ары эч кимге көз да, сөз да салбайын", - деп ойлуу машинасына отурду. Арстан чыгып кетээри менен:

- Ө-өх, - деп алды Кенже. - Бул акмактын колунан баары келет, кудай уруп, Айзат экөөнүн бирдемеси болсочу? Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес, Айзат мөлтүр суудай таза, дили аппак келин, - деп өзүн-өзү сооротту. Анан өйдө болду, эшикти илип келип ашканага кирди, карды ачканын сезип, муздаткычты карады. Тоңдургучтагы эттен азыраак туурап, көмөчтанга кууруп, чай кайнатты. Жалгыз отуруп тамактанды, андан кийин телевизор коюп, төшөк салды да, кыңкайды. Телевизор караганы менен ой-санаасы ар кайда кетип чачыранды: "Кайда кетти, эмне кылып жүрөт? Ичип алып бир балээнин ичинен чыкпаса экен, деги аман болсо болду эле". Түн бир оокумда каалга кылдыраганынан ойгонуп кетти. Туруп барса кимдир бирөө эшикке ачкыч сала албай жатат.

- Ким?! - деди ичтен туруп.

- Мен, апа, менмин, - Актандын үнүн угуп эшикти ачса, аябай мас экен.

- Балам ай, кебетең кантет, ушунча болгуча эмне кылып жүрөсүң?

- Апа-а, сурабачы эчтеке, - деп колун шилтей темтеңдей өйдө өттү. - Кардым ачты, апа.

- Отур, бирдеме алып келе калайын, - деп ашканадан тамак алып келсе, жаткан жерине уктап калыптыр. Ойготподу, үстүн жылуулап жаап коюп, жанында үнсүз ыйлап отурду. Түндү түн дебей, күндү күн дебей боз торгойдой боздогон эненин кейпин кийди, жалгызынын келечек өмүрү жанын кейитип, уулу менен бирге азапка түштү. Таң атканда Актан көзүн ачып апасынан жатпай өзүн карап отурганын көрдү. Түнү бою ыйлаганга тегереги барыгып калган көзүн карап, боору ооруп кетти.

- Апа, уктаган жоксуңбу?

- Кайдагы уйку, балам?

- Кечир, апа, мен эртең окууга барам, көп ойлондум, өзүмдү-өзүм токтотоюн, апа. Айзат келбесе мейли, жашоо өтөөр…

- Садагаң кетейин каралдым десе, акылың бар, адам болсоң болду, өмүрүң узун болсо келечегиң алдыда, уулум, сенин сөзүңө кубанып калдым, ошент, балам, - деп уулун кучактап чачынан сылап өөп койду. - Мен тамак жасайын ээ, кардың ачкандыр.

- Ооба, кечээ эчтеке ичпей эле жалаң сыра иче берип…

- Эми ичпе, балам, ичкилик эч кимге пайда алып келбейт.

- Билем, апа. - Актан туруп, бети-колун жуунуп келип, сүргүгө аарчынып жатып, - Тигил үйгө барган жоксуңбу? - деди.

- Сени менен эле болом, атаң жалгыз жашай берсин.

- Кой, ошо кантип болсун, апа?

- Болот.

- Мен өзүм жашай берем, эми жаш эмесмин го, силер өз оокатыңарды кылгыла, окуумду улантам, баарын унутуп жашайм.

- Садага болоюн десе, дагы убакыт өтөт, эгер барам десең барып келээрсиң, Умарды өзүңдөн алыстатпай колубузга алсак болмок.

- Азыр бербейт, апа, - деп унчукпай калды Актан. Ошондон бери үч жыл өткөн, Арстан өзү каалап аял алып бермек болгону менен Актан ага көнбөдү. Кээ-кээде үйүнө келин-кыздарды алып келе коюп жүрдү, окуусун бүтүп, дипломун алса да иштеген жок. Мурдагыдай эмес, түнт. Эрнис экөө кыздарга барып эрмектешип калат, андан башка чектен чыкпады. Кайда барса Айзаттын күнөөсүз бажырайган көздөрү, апакай жүзү, чийгендей кара кашы көзү алдынан кетпейт. Минтип Умарды алып келгенден кийин үч-төрт күн аерде болуп калды. Арстан Кенжеден коркуп баланы ала койот, бирок чын дили менен аны сүйө албады. Умар куюп койгондой Арстанга окшош болчу, ошондуктан абийири ачылып кала тургансып ашыкча сүйлөбөйт. Буту да ооруп, жакында ооруканадан чыккан. Бала келген күнү ажаатканага бараткан эле, бир нерседен улам бүткөн бою дүр этип кетти. Ажаатканга кирбей эле буту баспай тушалып туруп калды. Көзүнөн чаар чымын учуп, эки жагын карап тура берди. Кечиккенинен чыгып караган Кенже:

- Ой, эмне кылып турасың? - деди караанын көрүп.

- Кенже, бери басчы.

- Эмне болуп кетти?

- Бас дейм бери.

- Соо эмес го бул, - деп Кенже жанына келгенде Арстан аны кармай калды.

- Мен басалбай калдым.

- Эмнеге, бутуңду кайрып алдыңбы?

- Жок, бирдеме болду окшойт, жөлө мени, - деп ошол жерден эле даарат ушатты да, эптеп Кенжеге сүйөнүп үйгө кирди. Аялы аны ордуна жаткырып коюп, буттарына арак шыбады.

- Догдур чакырайынбы?

- Жок, жакшы болуп кетээр, - деп тамагын ичип, жатып алды. Кенже Умарды алып, өзүнчө жаткан. Түн бир убакта Арстан түш көрдү. Түшүндө Айзат мурункусундай эле үйдө жүрүптүр. Арстан ага жини келе жакын барып, бирдеме демек болгондо ал бери карап: "Эми эмне дегиң келет, бул дүйнөдө мага жашоо берген жоксуң го?!", - деди. "Сен менин жашоомду түнгө айланттың, эми ошонун азабын тарт, эки дүйнөдө жүзүң кара болсун!", - деп, эки колун сунганда алары куураган дарактын бутагындай арбайып-тарбайып, артын карай качкан Арстанды буттан алды. "Өлгүчө шал болосуң, көзүң көрбөй кор бол!", - деп көздөн кайым болду. Үнүнүн барынча бакырып тура калган күйөөсүнүн үнүнөн чочуп ойгонгон Кенже:

- Эмне болду? - деди. Умар дагы ойгонуп алаңдай коркуп тура калган. - Жата гой, уулум, коркпо садагаң, - деп Кенже аны кайра жаткырды да, күйөөсүн карады. - Эсти чыгардың го, жаман түш көрдүңбү?

- Ооба, мен оңбой калдым окшойт, көзүм да көрбөй жатат, - деди Арстан демиге. - Суу берчи.

- Койчу, - деп Кенже күйөөсүнө ишене бербей ашканадан суу алып келди. - Жана доктур чакырсак болмок экен.

- Кереги жок, болушунча болду…

- Эмнеге антесиң, жакшылап дарылансаң калыбыңа келээрсиң.

- Эми болбой калды, - деп суудан аптыга жутуп, чалкасынан түшүп шыпты тиктеп телмирип жатып калды. "Демек менин аны өлтүрткөнүм туура болбой калган экен, арбак билет деген чын тура, кор болгонум ушу го", - деп ойлуу жата берди. Кенже да унчукпай жатып уктап кетти. Небересин кучактап алган. Эртеси Арстандын буту таптакыр кыймылга келбей таш бастырып койгондой зыңгырап колжоюп калган экен. Көзү да бүлбүл көрүп, кишини тааныбай калыптыр. Актан аны билген жок, таң заарда туруп кеткен. Мадинага жолугуп, кечирим сурамак болуп талаага барды. Ортодон үч-төрт күн өтүп кеткендиктен, аны таппай каламбы деп ойлоп барса ал талаада жумуш жасап жүргөн экен. Жанына келди, эңкейип чөп жулуп жаткан Мадина аны байкабады.

- Кандай, чоң кыз? - дегенде өйдө болуп, маңдайындагы кара көз айнекчен жигитти тааный албады. Ак жүзү туурулуп, күнгө күйө түшүптүр.

- Сизге ким керек?

- Мадина, мени тааныбай калдыңбы?

- Эмне, - Мадина аны ыңгайсыздана карады. - Сизди тааныбай турам.

- Ой-оо-ой, чоң кыз, мунуң болбойт, мен Актан эмесминби, үч-төрт күн мурун, - деп келе жатканда Мадина анын сөзүн бөлө:

- Аа-а, тааныдым-тааныдым, кечирим коюңуз, - деп күлүп калды.

- Эчтеке эмес, башкысы тааныганыңыз жакшы болду, унутуп койгон экенсиз да.

- Жумуштан кол бошобойт…

- Мадина, мен айтканды ойлонуп көрдүңбү?

- Мен түшүнбөйт экенмин.

- Бүгүн түшүндүрүп берем, мени менен кетесиңби? - деди Актан күлүмсүрөй. - Эгер макул болсоң азыр эле кеттик.

- Жумуштан калам го? - деп жер карап калганда өзүнчө жөөк ылдый чөп жулуп жүргөн Ася аны көрүп жете келди:

- Кандайсыз?

- Жакшы, иштер кандай?

- Баары жайында.

- Канчага чейин иштейсиңер?

- Күүгүмгө чейин.

- Оо-уу, ошончо иштейсиңерби, күндүк акыңар канча болот? - деп Актан кызыга сурады.

- Күнүнө эки жүз, эки жүз элүү.

- Кыйын экен.

- Айла жок, кызматка турбагандан кийин кара жумушка иштөөгө туура келет.

- Туура, - деп койду Актан, ал Асянын көзүнчө Мадинага сүйлөй албай көпкө турду.

- Эрнис эмнеге келген жок? - деп Ася сурап калды.

- Мен аны ошондон бери көрө элекмин.

- Аа-а, - деп койду Ася.

- Кой, ишти токтотпойлу, кечке дагы бүтүрүш керек, - деп Мадина эңкейип ишине киришмек болгондо Ася дагы өз ордуна кетти.

- Мадина, жүрү мени менен, расчетуңду алып ал, калган үч-төрт күнгө мен төлөйм. Шартнама менен таанышышың керек, Асяга айткан жок белең?

- Эмнесин айтмак элем?

- Анда мен машинада болом.

- Азыр, - деген Мадина жатаканага шашыла кирди дагы кийимин, сумкасын алды. Кожоюнга жолугуп, шашылыш кетип баратканын айтып акчасын алды. Топтолгон акчасы араң гана эки миң болуптур. Акырын чыгып Актандын унаасын көздөй жөнөдү. "Мен эмнеге макул болдум, эмне деп ойлоп жатты экен? Жеңил ойлуу неме экен деп ойлойт го, ай кудай ай, же айнып койсомбу?" - деп ойлоно кадамын жай таштап баратты. Актан аны карап машинеде отурган. Ал Мадинаны кийинки үйүнө алып бармак, мурунку эки бөлмөлүү үйүн сатып, эч кимисине билгизбей башка жерден бир бөлмөлүү үйдү алган. Атайын апасы тынчын албас үчүн көчүп алганына бир ай болгон. Ичпей, тынч окуусун бүткөнгө Кенже да тынчсызданбай калды. Үйлөн десе бирин дагы тыңшабайт. Ошентип ал Мадина менен жарым жыл жашап көрмөк болду, аны ата-энесине билгизбей кылмак. Бүгүн ал атайын Мадинаны ээрчитип келди. Мадина чоочуркай үйгө кирди, адегенде эле экөө тамактанышты. Андан кийин компьютерге отуруп, шартнаманын жүрүшүн түшүндүрө баштады. Көптөн кийин:

- Мына, эгерде өзүңдүн оюң болсо айт, бул шартнамага киргизели, - деди Актан Мадинаны карай.

- Кандай дээримди да билбей турам.

- Анда мындай, сен мага толук жакканча, кайда бардың, ким менен болдуң деп мага сурак жүргүзбөйсүң, өз алдыңча басып да кетпейсиң. Эгерде жумушуң чыкса же ата-энеңе жолуккуң келсе, сөзсүз мага айтасың. Акча керек болсо алдын ала берем, ата-энеңе берип кайра келесиң, түнөмөй жок, кандай дейсиң?

- Эгер боюмда болуп калса кантем?

- Анда ойлонобуз.

- Мен дагы эртеңге чейин ойлоноюн.

- Макул, эртең макул болсоң шартнамага кол койобуз.

- Ий-ии.

- Анда сүйлөштүк. - Актан Мадинага кийим коюучу жайды, бут кийимдерди, иши кылса буюмдарын жайгаштырчу жерди көрсөтүп, анан жатчу бөлмөнү көрсөттү. - Эмесе бүгүн эс ал ээ? - деп жылмая карап кайра сыртка чыкты. Мадина таза, чоң бөлмөдө диванга отуруп алып, ойлонуп жатты. Кечке чарчап иштеп жүргөн Мадинага күн тез эле өтүп кеткендей сезилчү, бүгүн кеч кирбей, убакыт өтпөй жатты. Ал ошентип отуруп, уктап кетти. Каалга карс этип жабылганда ойгонду, бирок туруп карагысы келбей көзүн жумуп уктагандай болуп жата берди. Акырын кирген Актан аны бир карап алып:

- Мадина, уктап жатасыңбы? - деди түртө.

- Аа-а, уктап кетиптирмин.

- Тур, тамак ичели, мен тамак-аш алып келдим, - деди.

- Макул, - деп туруп ашканага кирди. Анан тамак жасап кирди, чынында тамак жасаганды жакшы билчү эмес. Жаңылдын жасаганын көргөн, ошону эстеп жасай берди. Эмнегедир өзү ишенбей жатты, биринчи жолу эркек менен тамак жасап, бир бөлмөдө болуп жаткандыктан, жүрөгү да бир башкача согуп, өзүн-өзү кызыктай сезди.

- Кана, Мадина, тамак даярбы? - деди Актан.

- Ооба, - деп нан туурап, бир нерседен чочулагандай тамакты куюп келип, Актандын алдына койду. Өзү унчукпай карап туруп калды.

- Өзүң дагы отур, - деди Актан. - Өзүң ичпейсиңби?

- Азыр, - деп ашканага кирип баратып босогодон караса Актан кадимкидей эле ичип жатат. аны көрүп сүйүнүп алды да, өзүнө бир чыныга куюп келип, маңдайына отурду.

- Тамагың даамдуу болуптур, Мадина.

- Ыраспы? - Мадина ишене албай күлүп жиберди.

- Чын айтам, - деген Актан Айзаттын жасаган тамагын эстеди. Ал тамакты абдан даамдуу жасачу, алып келгенде ар дайым: "Актан, менин тамагымдын даамы таңдайыңдан кетпей турган болот, менин тамагымды эстесең башка тамакты ичпей турган болосуң", - дечү. Азыр анын үнү кулагына угулгансып кетти. Андан кийин экөө телевизор көрүп көпкө отурушту. Актан Мадинаны улам карап койот. Бир маалда Мадина:

- Мен жата берейин, - деп өз бөлмөсүнө жөнөдү.

- Жакшы жат.

- Өзүң дагы, - деп кирип кетти. Эртеси Актан эрте туруп, кирип-чыгып жүрө берди. Мадина деле эрте эле ойгонгон, бирок тургусу келбей жатты. Анан туруп жуунуп чыкты да, газдын бир көзүнө чай, бир көзүнө тамакты коюп, идиштерин үстөл үстүнө жайгаштырды. Аңгыча Актан келип, экөө тамактанышты.

- Мадина.

- Ийи.

- Бүгүн бир чечимге кел.

- Макул, каршы болсом болобу?

- Ал өз ишиң.

- Макул, - деп Мадина ордунан тура чечкиндүү: - Мен көнө албайт экенмин, ата-энеме кетишим керек, - деди.

- Кайда?

- Айылга.

- Качан бармаксың?

- Качан болсо…

- Анда мен күтөм, барып келгенден кийин кол кой.

- Жок, мен таптакыр каршымын, мени койо бер!

- Мадина…

- Ооба, мен ушундай чечтим, бул оюнду ойной албайм!

- Макул, өзүң бил, бирок мага телефон номуруңду бере кет.

- Телефон меники эмес, эжемдикин алып жүрөм.

- Анда менин телефонумду ал.

- Макул, жазып берип кой, - деди Мадина, Актан блокнотунан бир барак айрып, телефон номурун жазып бере салды:

- Чалып тур.

- Жарайт, мен кетейин.

- Жүрү, мен жеткирип койойун, каршы эмессиңби?

- Өзүң бил, - деп Мадина күлүп койду. Ал Искендер менен Адина экөө бир бөлмөдөн жолугуп калгандан бери абайлап жүрүп калган. Эми Адинанын өз турмушу бар дечи, ошентсе да шаардагы жашоо аны тез токтоо кылып койгондой. Актан аны Кызыл-Аскерге жеткирип коюп, кайра тартты. Келе жатып көпкө ойлонду. "Бекер кылган экенмин, жөн эле үйлөнөм десем болмок экен, мындайга кыргыз кыздары көнмөк беле, чоочун, өөн көрүнөт", - деп рулун муштап алды. Бирок кеч болуп калган, эми Мадинаны таба албайт. Ал оңою менен чала койбос. Үйүнө келсе Арстандын көзү көрбөй, бир буту такыр сенек болуп кыймылдабай калганын айтты Кенже. Врач келип, укол сайып кетиптир.

- Кечээ эле жакшы эмес беле? - деди Актан.

- Түндө катуу кыйкырып ойгонду, түшүнөн чочуду окшойт.

- Чоң эле киши да чочуп, коркобу? - Күлүп койду Актан.

- Кой, балам, антпе, түш деген түш да, адам чочуса жаман. Кудай дечи, андан көрө атаңдын ал абалын бил.

- Макул, - деп кирип Арстандын жанына отурду. - Ата, алың кандай?

- Уулум, келдиңби, абал курусун, оору айтпай келет тура.

- Жакшы болуп кетесиң, врач эмне деди?

- Врач эмне дейт эле, көрүп жатат, денемди тешип укол берип жатат. Жөн эле койгулачы, өлсөм да тынч жатып өлөйүн.

- Андай болбойт, врачтар билет, жакшы болуп кетесиң, - деп Актан ушул ирээт атасына боору ооруй эки жагын кымтылады. - Ата, жаман ойлобо, жакшы болуп кетесиң, - деп өз бөлмөсүнө кирди. Анда Айзаттын сүрөтү бар эле, дароо көзүнө чалдыкты, экөө жанаша түшкөн сүрөттү карап көпкө отурду. Анан Мадинаны эстеп кайра ылдый түштү. Кенже тамак даярдап жаткан, Умар анын жанында ойноп жүрөт.

- Умар, кел бери, мен сага кака алып келдим, - деп өзүнө чакырды. Баланын көздөрү Айзатка окшоп турат, ичи элжиреп кетти. Жанына келген баланы бооруна кысып, бир аз турду эле, ал тырмыша бошонуп:

- Кака-кака бей, - деди, тили али так чыга элек.

- Аа-а, мына ала гой, - деп баланын колуна конфет кармата көтөрүп алды. - Умар, мени жакшы көрөсүңбү?

- Апам, апам…

- Апаңдыбы, меничи?

- Апам жачы, - деп башын чайкады.

- Мени жаман көрөсүңбү?

- Ии-ии…

- Мен сени жакшы көрө-өм, сен жакшы баласың ээ? - деп, анан койо берди. Кенже тамагын алып келип:

- Атаң менен сүйлөштүңбү? - деди.

- Ооба.

- Заматта эмне болду билбейм, көзүм да көрбөй жатат дейт, - Кенже кейип калды.

- Ооруканага жаткырыш керек го?

- Жаткырганда да бирөө багыш керек, мен бала менен үйдө болбосом, бул дагы кыйналчудай. Эмне кылам, балам? Оорулууну баккан оору дешет, чоң атаңдарга барып кел. Алар ооруганын уга элек, барып мал-сал сатып кел, врачтарга беришибиз керек, дарылатканга керек акча.

- Болуптур анда, мен жөнөдүм.

- Кечинде кайда, эртең менен барасың.

- Макул, - деп Умарды алып отуруп калды. Тамактанып бүткөндөн кийин Актан Умарды көтөрүп, - Жүрү мени менен жатасыңбы? - деди эле, бала андан качты:

- Мен апама байам, апама кетем.

- Мени менен жатпайсыңбы?

- Ыкы, апама жатам.

- Кое бер баламды, сен эрте жатып, эрте тур, - деп Кенже Умарды көтөрүп өз бөлмөсүнө кетти. Актан уйкусу келбей көпкө отурду. "Айзат тирүү болгондо чогуу жашамакпыз, уулум менин койнумда жатат эле. Эми ал мени бир тууган агасындай көрүп калат, ата дебей байке деп калат", - деп ойлуу бөлмөсүнө кирди. Бөлмөдөгү сүрөттөрдү карап, төшүнө койгон бойдон көзү илинип кетти. Түшүнө Айзат кадимкисиндей эле тамак жасап, уулу үчөө үстөлдө отурат. Умар эч нерседен капарсыз тамак ичип жатат. Айзат: "Актан, Умарды жакшы кара, сен дагы эки жылдан кийин үйлөнөсүң, баланы өзүң кара", - дегенде Актан: "А сенчи, сен экөөбүз карайбыз да", - дейт. Анда Айзат: "Мен эбак кеткем, Актан, эбак кеткем, силер менен боло албай калдым", - деп туруп барып, жерден бирдемени өйдө кылды. "Мен муну тирүүлөй кыйнайм, ал менин жашоомду тозокко салган", - деп берип каратты эле, атасы экен. Айзат анын эки бутун байлап, көзүн чукуп кирди, ошол кезде Айзат таптакыр башкача болуп кетти. Актан туруп барып атасын арачыламак болгон менен тура албады. Көз алдында Арстандын эки көзү оюлуп, буту-колу арчындалып бекем байланып жатты. "Мына, Актан, мунун жазасы ушул, сен баланы кор кылба, уктуңбу?", - деп Айзат босогодон чыгып кетти. Актан чочуп тура калды. Жүрөгү лакылдап, тили оозуна батпай акактап калыптыр. Ашканадан суу ичип, "Бул эмнеси, атамдын көзү оюлуп калганы эмнеси?", - деп ойлоно ары-бери берди. Ошол кезде Кенженин үнү угулду.

- Ай кудай ай, эмне болуп кетти эми? - деп күйөөсүн булкулдатты.

- Билбейм, Кенже, эки көзүмдү бирөө оюп кетти, бүт денемди жанчып тепкилеп кетти, - деп Арстан демигет.

- Ким, ал ким? - деп Кенже эринин оозуна суу тамызып жатканда Актан кирип келди.

- Эмне болду, апа?

- Билбейм, балам, атаң кийинки күнү таптакыр тынчтык бербей, өзү да тынч уктабай калды.

- Оорунуку го, врачты чакыралыбы?

- Кереги жок! - деди Арстан өктөм. - Алардын алы жетпейт.

- Эмнеге, андан көрө кудай десең боло?

- Ата, кежирликтин кереги эмне, көрүн да врачка, апамды кыйнай бербей. - Актан жаман көрө терс бурулду.

- Уулум, мен эми бүттүм, доктур жардам кыла албайт.

- Макул, мен жаттым, эс алгыла эми, - деп өз бөлмөсүн көздөй баратып, "Эмнеге, эмнеге ушунчалык атамды жек көрүп калдың, Айзат, ал сени кабыл албай койгону үчүнбү?", - деди каңырыгы түтөй. Ал түнү ошол бойдон уктаган жок. Эрте туруп, бети-колун жууду да, чоң атасына жөнөдү. Ал келгенде Султаналы малына чөп салып, сыртта жүргөн.

- Кел, уулум, келип калыпсың? - деди эркелете.

- Келдим, чоң ата, атам ооруп калды, акча керек дарылатканга, мал сатып кел дешти.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Билбейм, баспай калды.

- Кудай ур, - деп Султаналы шашкалактай Актанды үйгө ээрчитип кирди. Ыргал небересин көрүп чекесинен сүйдү.

- Кандай, уулум, атаңдар жакшы жатышабы?

- Жатат…

- Арстан жылбай калыптыр, катуу ооруп калган го, уул-келиниңе айт да, шаарга камын, - деди Султаналы.

- Ботом, эмне болуптур?

- Жөн эле, өзү буту ооруп жүргөн.

- Ашыкча сөздү кой, тез-тез даярдан, сандыктан акчаны ал. Үрүстөмдү ушу базарга жылкы сатып кой дейли да, жөнөйү, - деп Султаналы кемпирин шаштырып калды. Алар Кичи Кеминден тез эле келишти. Арстан ата-энеси келгенин билип, көзүнүн кычыктарынан жаш куюлуп, кечирим сурагандай болду. Үн катпады, тек үнсүз гана жаш төгүп турду.

- Балам, үйдө жатпай ооруканага барсаң боло, азыр доктур жакшы, жата бергенде болмок беле? - деди Ыргал Арстандын чекесинен сылай.

- Апа, болбогон кепти айтпагылачы, мен доктурга барбайм.

- Эмнеге, балам, дартыңдын дабаасы табылаар?..

- Жок, үйдө эле болом, - деп терс бурулуп кетти. Актан атасын түшүнүп турду, демек Айзат анын да түшүнө кирген. Акыры баарылап жатып Арстанды ооруканага алпарышты. Текшертип көрсө, врачтардын баары сүйлөшүп алгандай: "Ден-соолугу жакшы эле, эч кандай оорунун белгиси жок", - деп жооп беришет. Кайра-кайра текшерип, түрлүү аппаратка салышкан менен оорунун так диагнозу чыкпады. Ошентсе да акчанын күчү менен ооруканада кармап жатышты. Арадан бир жыл өткөндө баягы курсагы челкейген эткээл адамдын сөлөкөтү эле калды, бир гана чалкасынан жатканга далысынын сөөктөрү аркайып, жамбаштары оюлуп кетти. Кенже аябай азап тартты. Ооруканадан чыккандан кийин Арстан сүйлөшпөй да, үй-бүлөсүн жактырбай да, эч нерсе ичпей да калды. Актан өзүнчө санаада жүрүп, бир күнү Мадинаны эстеди. Эрниске жолукмак болуп, бөлмөсүндө ойлуу жаткан. Качан көзү илингени белгисиз, жанында Айзат отуруптур, "Актан, мен билбей калдым, Арстанбек Султаналиевдин баласы экениңди билгенде сага турмушка чыкмак эмесмин, сен дагы эч нерсе билбейсиң. Атаң канча кыздын убалына калган, ага бул жаза Алладан болуп жатат, мен аркылуу", - деп көз көрүнөө Арстандын жанына барып, анын оозун эки колу менен кере ачып, тилин сууруп алды. "Ушул тили менен далайлардын убалына калган, мени сенден ажыраткан. Ал өлүүгө тийиш, уктуңбу, Актан, сен жаза баскандан сак бол, бир өмүр жашоодогу сага Алланын берген бактысын кармай бил. Умарды адам кылып тарбияла, кош, Актан, сени менен бирге боло албадым", - деп аппак узу-ун көйнөгү жер чие каалгадан чыгып кетти. Актан эчтеке болбогондой көзүн ачты: "Кыз-зык, бул кызык түш болду, эми атам сүйлөбөй да калабы", - деп ойлоп жиберди. Саатын караса таңкы алты болуп калыптыр, эми эле жаткандай болгон. Туруп кийинди да, атасынан кабар алганы бөлмөгө башбакты. Анын жанында кийимчен үргүлөп отурган апасын көрүп, боору ооруп кетти. Арстан уулу киргенин туюп, көзүнүн жашы куюла бирдеме демекчи болду, бирок сүйлөй албай койду. Ал уулунан кечирим сурамак болгон.

- Ата, акыбалың кандай? - деди Актан акырын. Анын үнүнөн Кенже ойгонуп кетти, түнү менен уктабагандай чарчаңкы тартып турган.

- Уулум, буга кандай оору жармашканын билбейм, түнү менен эле жулкунуп: "Тийбе мага, кечир, кечирип кой мени", - деп жөөлүп чыгат, эмне болгонуна түшүнбөй да калдым.

- Оору экен да, апа…

- Башкача оору болуп жатпайбы? - деп Кенже үшкүрүнө бөлмөдөн чыгып кетти. Ыргал тез-тез келип, баласынан кабар алып турат. Ошентип белгисиз оорунун себеби табылбай тууган-уругу аны тегеректеп калган учурда Албандын үйүндө да башкача көрүнүштөр болуп жатты. Сүйдүм уктап жатып түш көрдү. Түшүндө ашканадан дабыш угуп, туруп барып акырын караса Айзат бирдеме кылып жүрөт. "Кызым, уктабай эмне кылып жатасың?", - деп Сүйдүм кадимкисиндей эле жанына бармак болгондо ал ары жылды. "Менин кандай кыйналганымды билбей уктап жатасыңар. Мына, мына булар мени өлтүргөн, ошолорду тапкыла, булар шаарда жашашат. Түрмөдөн мени өлтүрүш үчүн бошоткон, алар экөө", - деп эки кишини көрсөтөт. Сүйдүм аны жакшы көрө албай жатты, бир кезде алардын аты жазылган кагазды сунуп: "Мындагыны тапкыла", - деп Айзат көздөн кайым болду. Сүйдүм кагазды алгыча ойгонуп кетти. Көрсө, аны Албан түрткүлөп ойготуп жатыптыр.

- Эмне болуп жатасың? Бирдеме деп эле күбүрөнүп жатасың да.

- Өх, эмне ойготтуң?

- Уйку бербей койдуң.

- Албан.

- Ийи.

- Айзат түшүмө кирди.

- Эмне…

- Ал мага өлтүргөндөрдү тапкыла дейт.

- Эмне? - Өйдө болду. - Кантип тапмак элек?

- Билбейм, аларды көргөнчө ойготуп ийбедиңби.

- Кыз-зык, анда кызым аякта дагы жөн жатпай күнөөлүүлөрдү тапканга жардам бергиси келип жаткан го. Кой, анда мен аларды издетейин, - деп Албан ордунан турду. Экөө тең уктай албай кобурашканча таң да атты. Эртең менен бөлүмгө барды, Албан Сейиткуловду аердегилер жакшы таанычу. Пенсиядагы адамды жылуу кабыл алган полковник Атамкулов:

- Келип калыпсыз, - деп учурашып, орун көрсөттү.

- Келип калдык, 2005-жылдын 13-июлунда менин кызым киши колдуу болгонун билесиңер да?

- Билем, билем, бирок ал ишти жапканбыз.

- Кайра ачыш керек, ошол учурда Бишкектеги түрмөдөн эки адам убактысынан мурда бошотулган, алардын аты-жөнүн, кай жерлик, кандай кылмыш менен отурганын аныкташ керек.

- Ал үчүн Бишкектин прокуратурасына кайрылыш керек го?

- Сен ушул ишти колуңа ал, калганын мага кой, мен сага жолго, баскан-турганыңа жетээрлик төлөйм, - деп конвертти алдына койду. - Бүгүндөн баштап ишти кайра карап чык.

- Албан аке, мен кантип?..

- Мен начальнигиңер менен дагы сүйлөшөм, - деди Албан. Анан полковник менен баш ийкей коштошуп, үйүнө кетти. Албан үйүнө келип, отураары менен аялы:

- Эмне болду? - деп сурады.

- Баары жайында, ким экенин аныктамак болду, ишти кайрадан кароого арыз бердим.

- Ошентиш керек.

- Кызымдын каны аларды узатпайт, мен аны тынч жатсын дебедимби, болбосо эбак табылмак экен, - деди ойлуу…

Атамкулов Нурлан эки күндөн кийин Бишкек шаардык прокуратурасында отурду. Ал атайын адам өлтүрүп камалгандардын делолорун алып, убактысынан мурун кутулгандарды изилдеп жатты. Бирок алардын баары түрмөдө жатканы белгилүү болду. Түрмөлөрдү кыдырып тизмелерди тактап чыкканда бир түрмөдө эки адамдын жок экени белгилүү болду. Кайра прокуратурага келди:

- Жолдош прокурор, мына бул Сейитназаров менен Айылчиевди түрмөдөн таппадым, кайрадан делосун карап көрүшүм керек, балким далилдүү бир кагаз табылып калаар…

- Карап көр, бирок мен алардын түрмөдө экенине толук ишенем.

- Жо-ок, жолдош прокурор, булар эч жерде жок, ушул таптагы түрмөдө бул экөө жок.

- Делосун кайра-кайра кароого уруксат бере албайм, аларды түрмөдөн издешиң керек, - деди генерал прокурор кабак чытый. - Эмнеге алардын изине түштүң? Балким алар күнөөлүү эместир, - деди сүйүңкүрөбөй алдындагы кагазына үңүлүп.

- Жапжаш жыйырма экидеги келиндин өлүмүнө шектүү адамдар дал ушулар болууга тийиш.

- Күмөнүм бар, өз көлөкөсүнөн коркуп, түрмөдөн эптеп чыксам дегенде ак эткенден так этип жүргөн немелер Алайга кайдан бармак эле?

- Мен да ошентип ойлойм, бирок үстүндө башка бирөө турганын сезип турам, бул бир адамдын колунан келмек эмес, - дегенде генерал ага карап бир нерсени эстегендей:

- Токто-токто, Сейитназаровду күнөөсү аныкталбай беш жылдан кийин доо арыз менен туугандары кайра-кайра кайрылып жатып бошоткон. Дал ошол 2005-жылы июлдун жетисинде болуш керек, бул иш Султаналиев Арстанбектин кароосунда болгон. Айылчиевди да ошол бошоткон болуу керек эле, - деп Нурланды тикирейе карады. - Султаналиевди билесиңби?

- Жок, билбейт экенмин.

- Ал Биринчи май элдик сотунда иштечү, бир жылдан бери ооруп иштебей калган.

- Анда мен ал кишиге жолугушум керек, - деген Нурлан делодогу сүрөттү соткасына тартып алып, чыгып кетти. Экөөнүн туулган жери эки башка, бири Оштон болуп чыкты, бири Нарындык. Ошентип Атамкулов иштин чоо-жайын акырындап изилдеп көрсө, келип эле Султаналиев Арстанбекке такалып туруп алды. 2005-жылы дал ошонун кароосунда өткөн сотто ал экөө эки башка күнү бошогон. Нурлан Арстанбектин үйүнө келгенде Кенже ага мээримдүү карап:

- Келе гой, балам, кандай жумуш менен келдиң эле? - деди.

- Эжеке, Султаналиев Арстанбек аке үйдөбү?

- Аа-а, ал үйдө, - деди да, эри жаткан бөлмөгө ээрчитип кирди. - Бир жылдан ашты, жакындан бери сүйлөбөйт дагы.

- Салам Алейкум! - деди Нурлан Арстандын жанына отуруп, ал баш ийкеген болду. - Сиз буларды билесизби? - деп сүрөттөрдү көргөзмөк болгондо Кенже:

- Көзү да көрбөй калган, - деди күнөөлүүдөй.

- Өкүнүчтүү, - деп Нурлан өйдө болду.

- Кандай жумуш, балам? Арстан ушинтип ооруп калды.

- Жакшы болуп кетсин, мен кетейин, тынч болуңуздар. - Нурлан соттун үйүнөн чыкты. Ал андан кийин жанына эки милиция алып, Нарынга жөнөдү. Сейитназаров Кылычбек аялы жок, үйүндө жалгыз ичип жаткан жеринен кармалды. Аны дароо Ошко алып келип камап салды да, Айылчиев Ормонду тапты, ал үй-бүлөсү менен экен, жети балалуу чоң үй-бүлө. Ормонду дагы киши өлтүргөн деген айып менен алып кеткенде аялы ыйлаган бойдон калды. Эң улуусу он бешке зорго чыгыптыр. Эртеси Албанды чакырышты. Арадан бир ай өтүп кеткен, Сүйдүм андан кийин дагы далай жолу түш көрүп, өлтүргөн адамдарды даана көргөн. Ыйлап-сыктап алар Айзаттын мүрзөсүн ачып, кайра экспертизага жөнөтүштү. Аны думуктуруп, кайра-кайра зордуктап атып өлтүрүшкөн, ошол далилдердин баары текшерилип, такталып, күнөөкөрлөр мойнуна алышты. Кызыгы арадан эки жыл өтсө да сөөк ошол бойдон сакталып турганы болду. Эч жери эч нерсе болбогон, көгаласы да, колдун тактары да ошол бойдон, кадимкидей болуп, чачы менен буту-колунун тырмактары гана өсүп кетиптир. Албан ырымдап, кайрадан кепиндеп көмдү, бирди союп куран окутту. Ошондон кийин Айзат Сүйдүмдүн түшүнө кирип, "Мен абдан чарчадым, апа, эми эс алайын", - деп аппак узун көйнөгүнөн буту көрүнбөй каалгый жылып жок болду. Андан кийин түшүнө кирбей калды. Эки кылмышкер Арстанбектин айтканы менен жасаганбыз деп карганышат. Аны тигинтип кудай өзү жазалап, өлүү-тирүүсү билинбей жаткандыктан, эч нерсе кыла алышкан жок. Болгону Умарды көргөнү келген Албан менен Сүйдүм чай ичип отуруп сөз башташты:

- Кудагый, биз куданы эмне деп айтаарыбызды билбей калдык, - деди Албан. - Неге келинине мынча өч болду, кызым жыйырма экиге гана чыккан эле, атайын өлтүрткөн экен.

Аны укканда Актан таңгала:

- Мүмкүн эмес, бул жалаа чыгаар? - деди обдула.

- Биз Айзатты өлтүргөн зөөкүрлөрдү өз көзүбүз менен көрдүк, айткандарын өз кулагыбыз менен угуп отурдук. Арстандын ооруп калганын да ошол сотто айтышты. Карыганда калп айтып кара жаныбызга эмне күч келди дейсиң, балам? - деди Сүйдүм көз жашын сыдыра.

- Мындай болоору оюбузга келген эмес, кечиргиле, куда, мен Айзатты өз кызымдай эле көрчү элем. - Кенже алардан кечирим сурай өкүнүч билдирди. - Ырас, Айзат бизге келин болуп келгени Арстан жактырбады, эмнеге экени түшүнүксүз, ал мындай эмес эле…

- Кантели арман күн, чырактай кызымды жоготуп таппай калдым, өткөн иш деп кол шилтей албайт экенсиң, эми болгон үмүтүбүз Умарда калды. Жок дегенде көрүп, жыттап алсак эс алып калабыз.

- Туура, кудагый, биздин да эсибиз ооп турат.

Актандын ачуусу келди. "Үйгө келгенде кабыл албаганы аз келгенсип аны өлтүрүүгө киши жалдаганын кара. Бир өлмөктөн миң өлсүн, баласына кастык кылганын көр, болгондо да жападан жалгыз баласына", - деп атасынын бөлмөсүнө күндө үч маал кирчү Актан аны көргүсү да келбей калды. Албандар кеткенден кийин үйдөн чыгып кетип, өз үйүндө үч күн жатты. "Эмнеге, эмнеге менин бактылуу болгонумду каалаган жок, эмне жалгыз баласы сүйгөн аялга каршылык кылды, эмнеге, эмнеге, эмнеге???", - деп жаткан ордунан тура калды. "Балким мен анын өз баласы эместирмин, апамдан сурашым керек. Болбосо мага мынчалык катаалдык кылып, алган аялымды жактырбай коймок эмес. Апам мага чындыкты айтышы мүмкүн", - деп үйүн кулпулап, машинасын алкынта айдап жөнөдү. "Мен чындыкты билишим керек, өгөй баласы болбосом эмнеге мынчалык каршы болот?", - деп кыжаалат болуп жатып, тез эле жетип келди. Үйгө атырыла кирген уулун көргөн Кенже:

- Уулум, сага эмне болуп кетти? - деп утурлай суроо узатты.

- Апа, отурчу мындай, мен сенден бир сөз сурайм, бирок чындыкты гана айтасың, - деди Актан апасын колтуктай креслого отургузуп, өзү маңдайына тизелей калды. - Апа, атам менин өз атамбы?

- Эмне, эмне деп жатасың? - Кенже үрпөйө ачуусун араң тыйды. - Сен эмнени келжиреп турасың, ыя?

- Апа, сен чындыкты айтчы мага Арстан, сенин күйөөң менин өз атамбы?

- Акылсыз! - Кенже уулун жаакка чаап ийди. - Ким айтты сага мындай сөздү?

- Мени кечир, апа, менин бактылуу болушумду каалабай аялымды өлтүргөнгө киши жалдаса кантип өз атам экенине ишенем? - Актан апасынын тизесине башын коюп алып ыйлап жатты. - Кантип мени бактымдан ажыратканга дити барды, апа?

- Уулум, акылыңа кел, өзүңдү карма. Жанагыдай жаман ойду башыңдан алып сал, мен сени Арстан экөөбүз үйлөнгөндөн бир жылдан кийин төрөгөм. Ошондо эле врач экинчи балалуу боло албайсың деген болчу мага, ошентип жалгыз сени менен калып калдык. Ушуга да шүгүр, менин сендей уулум бар, эми Умарым бар, атаңды антип жаман ойлобо, - деп башынан сылап, эңкейип төбөсүнөн өөп койду. - Арстан сени жанындай жакшы көрөт, сен төрөлгөндө бир ай отпуска алып үйдө болгон, - деди Кенже күлүмсүрөй.

- Андай болсо өзүм жактырган кызга үйлөнүшүмдү эмнеге каалабады, атүгүл балабыз төрөлгөндө куттуктаганга жараган жок го?

- Аларды көңүлүңө алба. Ал сага Шариптин кызы Тахминаны алып бермек болуп жүргөн, ошого жини келди. Досуна уят болуп сөзгө сынды, ошол үчүн ал таптакыр Айзатты кабыл ала албай койду. Эми минтип катуу ооруп калды, атаңдын көңүлүн оорутпа, уулум, сен анын жападан жалгыз мураскерисиң. Алтурсун сен үчүн салган миллион сому бар банкта, ал сенин атыңа жазылган, минтип ооруп калаарын билбей калды, болбосо өзү айтмак.

- Мага миллиондун эмне кереги бар, апа, сүйгөнүмдөн бүгүн гана айрылгандай болуп турам, баарына атам күнөөлүү экенин билгенде башка ой келбейт экен, - деп туруп барып, креслого отурду.

- Кардың токпу, балам?

- Ач, апа, кардым ая-ябай ач, үч күндөн бери эчтеке иче элекмин, - Апасына эркелей карады. - Билесиңби, апа, мен сенден "ал сенин өгөй атаң" дегенди угам го деп, жаман болуп келгем.

- Кой, уулум, чоң ата-чоң энеңдер көңүлүнө алат, өзүнүн баласы ушундай деп отурса капа болбойбу? - Кенже ашканасына кирип чай алып келди. - Азыр чай ичип тур, анан тамак бышат.

- Мен чай эле ичип кетем.

- Эмнеге?

- Эрниске жолугушум керек.

- Кайра келесиңби?

- Жок, өз үйүмө барам.

- Атаңа кирип кет.

- Жок, эртең келгенде…

- Уулум, атаңдын оорусу катуу, мындайда жакындары кашында болуш керек, оорулуунун көңүлүн калтырбаш керек, уулум.

- Болуптур, эртең кирем, - деп эки чыны чай ичип алып, жөнөй берди. Кенже аны токтотмок болду эле, жүгүрө чыгып кеткен уулу анын сөзүн укпады. Актан шашыла Эрниске телефон чалып, "Ася менен жолугуп жатасыңбы?" дегенде ал: "ооба" деди. Актан кубана досуна жөнөдү. Ал келгенде Эрнис корооосунда күтүп турган экен.

- Кандай, дос, көптөн бери жолукпай калдык.

- Өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, Асяны эмнеге сурадың?

- Керек.

- Жактырып калдыңбы?

- Жо-ок, андай ойдон алыс бол, азыр ал кайда экенин билесиңби?

- Билем, ага өзүм да жолугушум керек.

- Кеттик анда.

- Айда сегизинчи кичирорайонго, - деди Эрнис. Ал ичинен Актанга таңгалып турду. Экөө Ася жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына келип токтогондон кийин Эрнис телефон чалып, Асяны чакырды. Ася он мүнөттөн кийин чыкты. Учурашып, ал-жай сурашып бир аз тургандан кийин Актан:

- Ася, сен Мадинага жолугуп жатасыңбы? - деп сурады.

- Сүйлөшөм, бирок жолуга элекмин.

- Шаардабы?

- Ооба, бир кафеде иштеп жатам деген.

- Анда азыр чакырбайсыңбы?

- Ал жумуштан калам деп келбейт чыгаар.

- Чакырып көрчү.

- Макул, - деп Ася телефон чалып, сүйлөшүп калды. - Мадина, азыр келип калчы, мен сени Орто-Сай базарындагы баягы кафеден күтөм, ооба, сөзсүз келип кал, - деп Актанга карады. - Ал жарым саатта келип калат.

- Рахмат сага, Ася.

- Эч нерсе эмес. - Ася жылмайып койду. - Менимче, Мадинаны бир жакшы кабар күтүп жаткан сыяктанат?

- Балким.

- Мадинаны өткөндө сиз алып кеткенсиз жаңылбасам.

- Туура, биз сүйлөшө албадык…

- Неге?

- Ал сүйүүгө даяр эмес экен, балким анын эңсегени таптакыр башкадыр, күткөнү бардыр. - Актан улутунуп алды. Анан машинесин от алдырып, Ася айткан кафеге айдады. Үчөө кирип, жаңы гана жайланышып отурганда:

- Тигине, Мадина келди, - деп Ася тура калып, курбусу менен учурашты. - Кандайсың?

- Жакшы. - Мадина Актан менен Эрнисти көрүп, ыңгайсыздана түштү. - Кандайсыңар?

- Жакшы, өзүң кандай, Мадина? - Актан жылмая колун сунду.

- Баары жайында?

- Отур чайлашалы.

- Менин убактым жок.

- Кандайча, бир аз биз менен болсоң болбойбу? - Актан аны сынай карады. - Биз сен үчүн келгенбиз.

- Макул, бир саатка, мүмкүн болсо чалып койойун, - деп ары барып телефон менен сүйлөштү да, кайра келди. - Андан артык кечиге албайм.

- Болуптур эми, отур.

- Актан, биз башка үстөлгө олтуралы, силер ээн-эркин сүйлөшкүлө, - деп Эрнис жооп күтпөй эле, Ася экөө ары жактан орун алышты.

- Эмне болуп жатат, түшүнбөдүм мунуңарга, чогуу отурсак…

- Мейли, алар ошону каалашты, - деп Актан Мадинага отургучту жылдырды. - Отур, Мадина.

- Рахмат, - деп ыңгайсызданган Мадина ар жакта отурган Асяны карап жини келип алды. "Ал эмнеси экен, чакырып алып кайра бөлөк отуруп алганы, балким Актан ошондой десе керек", - деп боолгоп тим болду. Аңгыча алдыга суусундуктар менен тамак келди. Ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Ошол учурда Актандын көз алдына Айзаттын элеси тартылып: "Сен жаңылып жатасың, Актан, бир жолу жаза басып жашооң арман менен коштолду. Сенин эмки ала турганың таптакыр башка, ички туюмуңду айтпай тур", - деп кайра жок болуп кетти. Чочуп кеткен Актан:

- Кана, Мадина, тамакка кара, - деп андан көзүн ала кача кашыкты тамакка салып отуруп калды. "Бул эмнеси, Айзат каршы болуп туруп алса мен үйлөнбөй бойдок өтөмбү, ал мени кызганып жаткан го?", - деп ойлоп, тамакты жээр-жемексен болуп отурду. Бир топко чейин тунжурап, ар кимиси өз ою менен алек болуп отурушту. Качан Эрнистер жанына келгенде чогуу турушту. Мадина алар менен коштошуп жөнөп кетти. Ал кеткенден кийин Актан Асядан Мадинанын телефон номурун сурады.

- Эмнеге өзүнөн алып калбадың?

- Унутуп калыптырмын.

- Макул, - Ася күлүп жазып бере койду. - Жигиттер эч качан бош болбош керек, Актан.

- Жо-жок, мен унутуп калыптырмын, - деген Актан Эрнис менен Асяны айткан жерине жеткирип, анан өз үйүнө келди. "Мына кызык, эмнеге Мадинага үйлөнөөрүмдү айтканга болбойт, азыр ага чалышым керек? Жөн эле Айзатты ойлоп ийдим окшойт", - деп номурду терип, кулагына жакындатты.

- Алло, бул ким? - деген Мадинанын үнү угулду.

- Мадина, кандай жетип алдың?

- Аа-а, сизби, жакшы рахмат.

- Иштериң кандай, Мадина?

- Ойдогудай, телефондон сураган жакшы бекен? - Мадина күлгөндөй болду. - Жана эмнеге сүйлөгөн жоксуз?

- Сүрдөдүм.

- Коюңузчу, сүрдөгүдөй Айчүрөк эмесмин го?

- Менин көзүмө Айчүрөктөн да сулуу көрүнөсүң.

- Азилиңиз укмуш экен.

- Сени менен азилдешкен кандай кызык.

- Чынбы?

- Чын.

- Кой, жумушум калды.

- Түндөсү да иштейсиңби?

- Он экиге чейин.

- Чарчайсыңбы?

- Жок, жумуштан чарчабайм.

- Эмгекчил экенсиң, мен сага бир сөз айтмакмын, - дегенде колундагы телефону бирөө чаап ийгендей ыргып кетти. Жерге бир тийип, бычырап жатып калды. "Бул эмнеси, мен кантип жашайм, мага Айзат уруксат бербейт окшойт" - деп, ойлуу телефонунун тетиктерин чогултуп, телевизордун жанына коюп койду да, жатып алды. Чынында жашоосу табышмактуу өтүп жатты. Мадина Актандын сөзүнө таң калды, сөзүнүн аягына чыкпай өчүрүп салганына ишенип-ишенбей кайра өзү чалса өчүрүлгөн экен. Ойго бата ишин улантты. Ал баягыдан башка жумушка орношуп, көнүп калган. Ай сайын аз болсо да ата-энесине акча жөнөтүп турат. Асылай менен Тургунбай баягыдан кыйла тыңып калды, улуу балдарынын балдары жайкысын каникулда келип күзгө чейин жүрөт. Адина болсо экинчи баласын төрөгөнү турат, сагынганда чалып сүйлөшөт. Мадина кээ-кээде гана Болотханга оюнчук менен таттууларды алпарып берип, кайра кетет. Кээде Жаңыл экөө келип, сиңдисинин ал-акыбалын сурап, анын бактысына суктанып кетишет. Бир тууган болсо да чыны менен өзүнүн күйөөсү Каныбектей болбогонуна өкүнүп да кетет Жаңыл. Анткени Каныбек Адинага атайын бала баккыч алып келип берген. Муздаткычында ар дайым тамак-аш тирелип турат. Мадина болсо келечектеги күйөөсүнүн колунда бар болушун тилеп, азыр Актан чалганынан улам таттуу кыялга берилип алды. "Балким ал мени сүйүп калгандыр, айталбай жаткандыр. Мен ага ачыгын айткам, чындыкты айтып кыз эмес экенимди билдиргеним дурус болгондур", - деп жумушунан үйгө кайтты. Жумушу Жаңылдын жашаган жерине жакын болчу. Илкий басып үйгө киргенде Жаңыл кабыл алды:

- Коркпой эле келдиңби?

- Эмнеден корком? - Күлүп койду.

- Түн ортосунда жалгыз жүргөн коркунучтуу.

- Жол күндүзгүдөй жарык, мага окшоп жумуштан кеч чыккандар толтура эмеспи? - деп ичкери кирип кетти.

- Ошентсе да этият болбосоң болбойт, - деди Жаңыл эшигин жаап жатып. - Сен келгиче уктабай күтөм, ушундан башка эле иш издесең боло күндүзү иштей турган.

- Кызыксыз, эже, баарын көрдүм го, иштебеген ишим калган жок, бул мага жакты, көнүп да калдым, акчасын күндө берет, башка жакка эми барбайм дагы, - деп светти өчүрүп жатып алды. - Жакшы жат, эже.

- Жакшы жат, - Жаңыл эки баласын кымтылап коюп, анан өзү жанына жатып калды. Мадина азыр тиш кагып калган аялдай токтоо тартып, турмушта көптү көргөндөй. Иштеген шефи аны жактырып калган, көп убакта өзү менен алып жүрүп сыйлап, белек-бечкек берүүгө да үлгүргөн. Ал кафеге кээде гана келет, өзү динчил адам, телевидениеде өзү алып барчу берүүсү бар. Көпчүлүк аны ажы катары сыйлашат, бирок ал Мухаммед пайгамбардын жолун жолдогусу келгендей көп эле аял алып көрдү. Кээси анын ыдыгына чыдабай кетип калса, кээси байлыгына кызыгып, жашоонун түркүн кызыгынын бир бурчунда өмүр сүрүп жаткандай Жумабек ажынын аялы болуп жашаганына ыраазы. Анткени "кайда барсаң мамайдын гөрү" дегендей кыргыз калкынын кыйналып турган учурунда "өлбө, жаным, өлбө" деп күн көрүүнү эп көрүшөт. Эң биринчи аялы ага баш ийбей эки уул, бир кызы менен ажырашып тынган. Экинчи аялы да, андан кийинкиси да үч-төрт жыл жашады. Акыры алар менен жашап жүрүп эле телевидениеде иштеген солкулдаган келинге көзү түшүп, кайрымагына илип алды. Ал Жумабекке чыдай албай жүргөндө ага Мадина жолугуп калды. Аралары отуз эки жаш болсо да Мадина көнө түштү. Бир күнү аны өз үйүнө алып келди. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп:

- Мадина, эгерде менин сунушума макул болсоң каалагандай жашайсың, - деди жүзүнө тигиле. - Мен сени кор кылбайм.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Макул, ойлонуп көр, - деди жасалгалуу заңгыраган үйүн көрсөтүп, - Ушунун баарына өзүң ээ болосуң, хан сарайындай үйүмө өзүңдөй бир ханыша жетпей жүрөт, - деп аны жетелеп жатчу бөлмөсүнө алып барды. - Мадина, сен мага бүтүн тулку боюңду эле эмес, жан дүйнөңдү бер, жүрөгүңдөн орун бер, жаркыным, сенин мага аял болуп келишиңди каалайм, - деп төшөккө жыкты, - Кана, макулсуңбу?

- Ойлоноюнчу…

- Ойлонгондо эмнеси калды, апакай денең канчадан бери меники болуп калды, болгону душаңды, ички сезимиң менен туюмуңду биротоло мени гана эңсегенге көндүр, багышта.

- Ата-энем, эже-агаларым мага уруксат бербейт го?

- Аларды көндүрөбүз, сен мендик болсоң эле алар эчтеке дей алышпайт, мендик болчу, алтыным?

- Үч күн убакыт бериңиз.

- Болуптур, эгерде үч күндө мендик болсоң сени окутамын, каалагандай ишке орноштурам, - деди Жумабек жаш денени сугалактана өөп-жыттап, бутунан башына, башынан ылдый бутуна өмөчөктөп жанталашып, балга конгон чымындай жармашты. Мадина анын эркинде, бирок көз алдында Актан. Үч күн сураганы аны менен сүйлөшүп бир жооп алам дегендей ойдо болду. Таң эрте туруп алып, жумушуна жөнөдү. Жумабек уктап жатат, Мадинаны ойготпой таңда туруп, гусул алып, багымдат намазын окуп, жатып калган. Мадина жумушка келип, өз ишин жасап жатканда ага ашпозчу аял:

- Мадина, этият болсоңчу, Жумабек далай аял алган, ал сенден кийин токтотуп койсо жакшы, сенин үстүңө дагы алат, - деди күлүп.

- Эже…

- Актанба, анын сырын жакшы билем, жаш, сулуу кыз-келиндер болсо эле жанын садага чапкандан кайра тартпайт.

- Коюңузчу?

- Койбой эле, аны Жумабек ажы дешет, бирок акмак, - деп Роза мурдун чүйрө Мадинага жакындады. - Андан алыс бол.

- Менин аны менен ишим жок, эже.

- Айттым, койдум да, - деп ары карап кетти. Мадина ойлуу телефонун тыңшайт, качан чыр этээр экен деп күтөт, бирок Актандан дайын болбоду. Чыдай албай өзү ажаатканага кирип алып чалса өчүрүлгөн деп кайра-кайра какшайт. "Эмнеге өчүрүп салды, же мени эрмектегиси келген го", - деп кечке кыжаалат болду. Бир кезде чырр эткенинен ала койсо эжеси экен.

- Мадина, сен кайда жүрөсүң, эмнеге келбей калдың? - деди Жаңыл ачуулуу.

- Иштешкендерим менен болдум, эже, туулган күндө.

- Айтып койбойт белең?

- Унутуп калдым, кечир, эже, - деп жооп бергенин уккан Роза аны мылжыя карап койду. - Эже, менин колум бош эмес, - деп Мадина өчүрө салды, ал Розанын угуп койгонунан уялып калган.

- Калп айтуу жарабайт, - деди Роза ага.

- Эмнени…

- Кой, Мадина, жыйырмага эми чыккан жаш кызсың, минтип жүргөнүң болбойт.

- Кечирип коюңуз, - деп кутулууга аракеттенди. Кечке Актанды ойлонуп жинди болуп кете жаздады, бирок андан эч кандай дайын жок. Кечке Маал Жумабек келип адаттагыдай эле алып кетмек болгондо Мадина баш тартты, аларды Роза акырын аңдып турду.

- Мен бүгүн барбасам эжем урушат.

- Анда ага ачык айтууга туура келет.

- Жок-жок, азыр болбойт.

- Эмнеге, биз кечээ сүйлөшпөдүк беле?

- Мен али жооп бере элекмин.

- Жооп боло берет, мен сенсиз кантип жатам, Мадина? - Жумабек Мадинанын колунан өптү. - Мени жалгыз калтырба.

- Коюңузчу, үйгө барайын.

- Токто, жеткирип койойун. Бүгүн уруксат, - деп колтуктай унаасына алып барып, эшигин ачып отургузду да, жөнөп кетти.

- Муну кара, картаң дөбөт, жаш кыздын башын айлантып алган экен, - деп Роза башын чайкай далдоодон чыгып, жолуна түштү. Жумабек Мадинаны үйүнө түз алып кетип калды.

- Бул эмне кылганыңыз, мени эжем өлтүрөт, канча жолу ушинтип алып кеттиңиз, калп айта берип тажадым.

- Капаланба, мен сени тил угузбайм, азыр алып кетем, эртең ишиңе чыкпайсың, нике кыйдырам, - деп өпмөк болгондо Мадина ыйлап ийди.

- Жок-жок, азыр эмес, мен даяр эмесмин.

- Эмнеге, мени менен эриңдей эле жатып жүрбөйсүңбү?

- Баары бир, мен макул эмесмин.

- Болду эми ыйлаба, сен айткандай болсун, кайра жеткирем, бирок мен сенин тезирээк жооп беришиңди каалайм.

- Бир жума убакыт бериңиз, эжемдерге айтышым керек…

- Үч күн дедиң эле, эми бир жума дегениң кандай? - деп ажы аны ишенкиребей карады. - Макулдугуңду бересиңби?

- Бир жумадан кийин дедим го, - деп Мадина унаадан түшүп, такси кармады да, кетип калды. Эртеси эрте келди. Күндөгү жумушун жасап жатты. Бирок Актанды эсинен чыгара албай улам чалса дагы эле өчүрүлгөн деп какшанат. "Жинди, ага эмне болгон, деги аманбы?", - деген жаман ой башына келгенде коркуп кетти. "Балким жалгыз бөлмөдө бирдеме болдубу? Ооба, ал бирдеме болгон, чалмак мага, сөзсүз чалмак", - деп ойлой дароо кийинип, эч кимге айтпай эле жумуштан чыгып кетти. Унаа күтсөм кечигип каламбы деп такси менен өзү көргөн кабат үйгө жетти. Анан таксини жөнөтүп, экинчи кабатка көтөрүлдү. Эшик ачык, акырын башбакса эч ким жашабагандай, үй ичи аңгырайт. Андан ары кирип барса Актан чалкасынан жатат, жанында бош бөтөлкөлөр. Өлүктөй жаткан жигиттин жанына жетип барды:

- Актан! Актан, сага эмне болгон? - деп жулкулдатканда ал көзүн ачпай эле:

- Айза-ат, сен мага жашоо бербедиң го, анда өзүңдүн жаныңа ала кетчи… - деди чала-була сүйлөп.

- Актан, эмне деп жатасың? Мен Мадинамын, кейпиң эмне болуп калган? - деп башын көтөрдү.

- Эмне дейсиң? - деп башын көтөрө көзүн бардап-бардап ачып таңгалып калды. - Аа-а, сенсиңби, Мадина, өх жаман болуп кеттим, жашоодон тажап кеттим, - деп башын чеңгээлдеп отуруп калды.

- Актан, бирдемеге капаландыңбы?

- Жо-ок, эмнеге капа болом, Мадина, мен адамча сүйө албайм, адамча жашай албайм… Бирдеме алып келе калчы, Мадина, тиги чөнтөктү карасаң акча бар, анан бир тамак жасачы.

- Макул, бирок көп ичпе.

- Ичпейм, - деп кайра жатып алды. Мадина камокко барып, бир банка сыра менен эт алып келди, өз акчасына сатып алды.

- Мына, ушундан башка ичкенге болбойт, эмнеге өзүңдү ушунча кыйнадың? Телефонуң өчүрүлгөн, зарядкасы жок го, ээ?

- Тигине телефон, аны Айзат алып кетти!

- Айзат ким?

- Албы, ал менин аялым, баламдын апасы…

- Кайда кетти эле, келсе мени эмне дейт? - Мадина өзүн ыңгайсыз сезе Актанды карап калды.

- Ал тигил жакта, - деп сөөмөйү менен шыпты көрсөтүп койду. - Аякта жатып дагы мага жашоо бербей атат.

- Эмне дедиң?

- Анын жаны жаннатта, Мадина!

- Актан, тамашалабачы, - деген Мадина ашканага кирип тамак жасай баштады. Ошол кезде негедир аны бирөө түртүп ийгендей болуп жыгылып кетти. Анын үнүнө Актан жетип барды. Жерде эси ооп жаткан Мадинаны көрүп өйдө кылмак болгондо аны да бирөө түрткөндөй болду. Экөө эки жерде сулап жатты. Ошол убакта Эрнис келип, аларды тургузуп эс алдырды.

- Экөөңө эмне болгон, экөөң эки жакка жатып калыпсыңар же күрөшүп экөөңөр тең жыгылдыңарбы? - деп каткырып алды. Мадина көзүн ачаары менен негедир алаңдай эки жагын каранды да:

- Актан, мен кетейинчи, бул жерге келгеним туура эмес болду окшойт, - деп тура жөнөдү. Анын көз алдына эмелеки аялдын муунтуп жатканы элестеп, үйдөн чыккыча шашты.

- Мен сени жеткирип койом, - деп Актан кошо чыкты. Үчөө жолдо келатып бир кафеге кайрылышты. Тамактангандан кийин Актан Эрниске кайрылды: - Эрнис, сен бара турчу, Мадина менен сүйлөшүп алайын.

- Болду-болду, мен сыртта күтүп турам, - деп Эрнис сыртка чыгып кетти.

- Мадина, мени кечир, эмнеден баштаарымды дагы билбей турам. Мен сага жолугайын десем эле Айзаттын элеси тоскоолдук кылып туруп алды, ошондуктан сага жолуга албадым. - Актан саамга чыкыйын ушалап, ойлуу отурду, анан: - Сага да зыян кылабы деп коркуп калдым, кыскасы, мен бойдокчулук менен жакында коштошпойт окшойм, - деп башын жерге салды. - Көңүлүмө сен жаккансың, дагы байкап көрөбүз го?

- Актан, сен эрктүү жигитсиң, баарына чыдашың керек, тагдырыңа көнбөскө арга жок. Мен эми сени унутууга аракеттенем, жакшы жүр, экөөбүз жолуга албайбыз. Ортобузда сүйүү болбосо да, эсте калаарлык мүнөттөрдү өткөрбөсөк да кандайдыр бир сезимге жетеленип сага келе бердим. Мен сенин тынчыңды алдым, кечир, Актан, сени түшүнөм, кош бол! - деп Мадина өз сезиминен баш тартып, кафеден көз жашын төгүп чыкты. Актан үн дебей отурган жеринде калды, ал дагы Мадинага көңүлкош эмес болчу. Эрнис Мадинанын ыйлап чыгып кеткенин көргөндө кафеге чуркап кирди. Башын мыкчып отурган Актандын маңдайына келип отурду.

- Актан, силерге эмне болду, жана тигинтип жыга чапкандай жатыпсыңар, эми минтип Мадина ыйлап кетти, сенин отурушуң бул, эмне болуп жатасыңар?

- Эрнис, сен мени кыйнап суроо бербечи?

- Болуптур…

- Жүрү кеттик, - деп экөө сыртка чыгышты. Актан унаасын жай айдап, көз алдында болгон окуяга ишенип-ишенбей баратты…

Мадина ыйлаган бойдон маршруткадан түшүп, айланасында эч ким жок жалгыз бараткандай кете берди. Ошол бойдон ажаатканага кирип, бети-колун жууп, өзүн ирээтке келтирген соң жумушуна келди. Ал келгенде Роза аны жаман көзү менен карап:

- Эмнеге кечигип жүрөсүң, жумушка убагында келбесең иштебе да? - деп бир тийди.

- Эже, мен эрте келгем, айтайын десем эч ким жок, жумушум чыгып калып, шашып кетип калдым, кечириңиз, эже.

- Кечир-кечир, кечиргенде эмне, жумуш деген жумуш, андай өзүң биле турган болсоң шефтин ордун ээле! - деп, терс бурулуп кеткенде Мадина дароо сумкасын ала чыгып кетти. Роза аны токтотмок болду, бирок анткендин ордуна унчукпай карап кала берди. Бир аздан кийин Мадинага Жумабек телефон чалды:

- Бүгүн эжең менен сүйлөшүп кой, кечинде жумуштан өзүм алып кетем.

- Мен жумушта эмесмин. Кечигип баргамын…

- Эмне, жумуш бар беле?

- Ооба.

- Мен барам, сен ошол жерде бол.

- Жок, мен жумуштан чыктым, башка жумуш издешим керек, убактым жок! - деп Мадина телефонун өчүрүп койду. Жумабектин айласы кетип, жаш кыздын кумарлуу койну сагынтып, көз алдынан Мадинанын татынакай келбети кетпей машинасына отурду да, дароо кафесине келди. Роза аны күнөөлүүдөй жалт карап алып, көрмөксөнгө сала өз иши менен алек болду. Бирок Жумабек кафедегилерге Мадинаны кайра чакырмак болгонун айтканда Роза баш болуп, эч кимиси эчтеме дей албады. Мадина өзү ал жерге кайткысы келбеди, ансыз дагы Актандын ал-абалы аны кыйнап, бир эсе таңгалып, бир эсе да коркуп калган. Негедир Актанды өзүмдүк кылып алган сымал ага кайра баргысы келди. Анткен менен өзүн муунткан элестен коркуп, ал оюнан айнып отуруп калды. Анын ойлуу отурганынан улам Жаңыл:

- Сага эмне болгон, эмнеге жумушуңа барбадың? - деп сурады.

- Чыктым.

- Эмнеге, айлыгы жакшы эмес беле? - Жаңыл сиңдисин алая карады. Мадина иштегенден бери оңуп калган, кээде калдык нандарды, көпчүлүктөн арткан тамак-ашты, майлуу эттерди алып келчү. - Эми ошондой иш таба аласыңбы?

- Көрөм да.

- Эмнеге чыгып алдың?

- Жакпай калды. - Аңгыча Мадинанын телефону чырылдап калды.

- Албайсыңбы? - деди Жаңыл.

- Кереги жок.

- Ушу сен соо эмессиң, жакшы жумуштан чыгып алып, кайдан издейсиң эми, же бирөө менен жүрө калып, ошондон улам чыгып калдыңбы? - деп уруша баштады.

- Эмне деп жатасыз, адамды жайына койбойсуз, - деп туруп кетти Мадина. Ал жалгыз болгусу келип, Жаш Гвардия бульварына жөнөдү. Жолдо келе жатып телефону улам-улам шыңгыраса да такыр албай койду. Ал Жумабек болчу. Дал ошол күнү ал Розаны, дагы башка үчөөнү бошотуп, Мадинаны кафедегилердин үстүнөн башкартып койгон. Ошону айтайын деп чалса тиги албай абдан кыйналды. Бир кезде тажаган Мадина:

- Сизди угуп жатам, - деди эле, Жумабектин үнү угулду:

- Мадина, сөзсүз жумушка кел. Розаны кетирдим, эми сен алардын үстүнөн карайсың. Алтыным, келип кал, иш токтоп калды.

- Роза эжени эмнеге кетирдиңиз?

- Аны тим кой, өзүң келип биякка баш-көз бол.

- Болуптур, азыр барам, - деп Мадина ордунан турду. Ал ойго бата жай басып кафеге келди. Жумабек тынчсыздана күтүп жаткан экен, көрүп эле кубанып кетти.

- Келдиңби, ишти баштагыла. Бүгүндөн баштап баарыңар Мадинанын айтканындай болосуңар. Менин тез-тез келип турганга убактым жок, ошондуктан Мадина бул жердеги эсепти өзү жүргүзөт.

- Макул, - дешти бир ооздон жумушчулар. Ошентип Мадина отуруп алып гана канча тамак сатылды эсебин ала турган болду. Ага кыз-келиндер эсептешип, жооптошуп, анан керектүүлөрдү айтып турушат. Мадинага бул абдан жакты. Кээ бир клиенттердин порциясын жазбай койот, айлык акысы болсо башкалардыкынан жогору. Бирок кечкисин өзү Жумабектин койнунда. Акча кармап, каалагандай жүрө баштаганга көңүлү көтөрүлүп, оюнда Жумабекке бериле баштады. "Жашоонун кызыгы барчылык менен гана кенен жашап, жыргалга батуу", - деген ойдо улуу болсо дагы Жумабекке турмушка чыгууну көздөй баштады. Бир күнү ал Жаңыл менен кеңешкиси келип, үйгө келсе Адина бар экен. Ойлогон оюнан кайтып:

- Эже, мен эми көпкө чейин үйдө болбойм, кыздар менен кетип жатам, - деди Мадина.

- Кайда барасыңар? - деп сурады Адина.

- Көлгө, шеф менен чогуу барабыз.

- Силердин шефиңер жакшы го? - Адина күлүп койду.

- Сен барбай эле койсоңчу, Мадина, - деди Жаңыл.

- Эмнеге, эже?

- Үйдө бол, алар келгенче, көлгө барганда акчаң эле коройт, андан көрө атамдарга акча жөнөт. Сен алып келген акчанын үстөгү өсүп кетип жатат, - деди кейий.

- Эже, аны мага неге айтпадыңар, ушул убакка чейин төлөбөй мен жөнөткөн акчаны эмне кылып жатышат? - деди Адина.

- Себиңди уят болбогудай алпарам деп сенин камыңды көрдү да, - деп Жаңыл эки сиңдисине карады.

- Кызык, анча чабылып эмне кереги бар эле? Ансыз деле менин себимдин аларга кереги жок болчу, бизде баары бар эмеспи. Кайненемдер кайра сүт акысына бээ берди го, карызынан кутулуп коюшса болмок экен. Жалпы канча дейт?

- Берип жатып, беш миңи калыптыр.

- Анда мен эле берип келем, жакында Каныбек экөөбүз барабыз, ошондо бере келем, сен кыздарың менен бара бер, - деди Адина.

- Менде жакшы эле акча бар, ашыкчасын берейин, ала барып берип кой ээ? - деп Мадина айтканда Жаңыл:

- Экөөңөр мени бөлүп калдыңарбы? Жездең иштесе иштеп, иштебесе жок, эки бала менен кыйналып отурам, жардам берип койбойсуңарбы? - деди таарынгандай.

- Койчу, эже, сага мен болгонун берип эле жатам го, апамдар эл катары мал-сал күтүп калышса зыян болобу? Айтмырза менен Бекмырза агабыз болсо өздөрүн, бала-чакасын зорго багып жатат, алардан пайда жок. Кайра союш керек, акча керек, мал сатып бергиле деп зорго жашап жатышса шаштысын алышат, - деди Адина.

- Ошо да, ата-энебиз элдей жашасын деп өз күндөрүн көргөндүн ордуна кайра алардын тынчын алышат, - деп Мадина кошумчалады.

- Эми жыргап кетишпесе кантет, бизди көрүп жатпайсыңарбы, айла канча, - деп Жаңыл кабагын бүркөдү. - Өз билгениңерди жасай бергиле, бербей эле койгулачы!

- Эже, таарынбачы эми, - деп Адина жанындагы акчасын бере салды. - Муну керегиңизге жаратыңыз.

- Макул, мен кеттим, эже. Адина сен кийин чыгаарсың?

- Ооба, мен жай чыгам.

- Анда жакшы калгыла, - деп Мадина бурула бергенде көзүнө жаш тегеренди. "Мен дагы өз тагдырыма баш ийүүгө туура келет, айла канча, жаш күйөөнү мага буйрубаптыр. Денесинен жылуулук капкачан кеткен, кубаты кайткан чалдын туткунуна өз эрким менен барууга аргасызмын", - деп ойлуу жолдо келе жатты. Ошол күнү дем алыш эле, кафенин ичин бир сыйра ремонттоп, анан иш баштамак болгон. Ал ар кайсыны ойлонуп баратканда телефону кайра-кайра чырылдай берди. Бул Жумабек болчу, Мадинаны тынчсыздана күтүп, анын телефону албаганына кыжаалат болуп жаткан.

- Алло, угуп жатам, - Мадина телефонду тыңшап калды.

- Келе жатасыңбы?

- Ооба, жолдомун.

- Кай жерде келатасың, тосуп алайын?

- Кереги жок, күтүп туруңуз, жөө баскым келет.

- Макул, жаным, мен күтөм, - деди да, "Айнып кетпесе экен, ал айнып кетпес үчүн бир жакшы иш жасашым керек", - деди оюнда. Мадина андан ары агасыныкына барды. Жеңеси менен кеңешкиси келди, бирок алардын жашоосун, үч-төртөө бир батирде эптеп жашаганын көрүп зээни кейиди. Ал антип отурганда Бекмырзанын улуу кызы келип калды.

- Эже, сиз кайдан?

- Учурашайын деп келдим.

- Ой, биздин жашоо ушул, жок-жок менен ушул бөлмөдө тыгылып жашап жатабыз. Мен башка балдардай болуп окуй албайм. Эмнеге биз ушундай жашайбыз, эже, чоң атамдар дагы силерди ошентип окута албай койду беле?

- Ооба, биз жетишпеген жашоодо өстүк…

- Атамдар жаш эле го, неге иштеп таба алышпайт? Менин окуум жакшы, жок дегенде контрагы азыраак окууга кирип алгым келет, бирок эч мүмкүн эмес. Кыйратып ийгенсип иште-иште дешет, - деп Алмаш арманын айтып, бултуңдап алды.

- Эми эмне кыл дейсиң, же атаң жакшы иш табалбады, экөөбүздүн тапканыбыз батир менен ичкен-жегенге кетип, башкага жетпейт. Колубуздан келбесе эмне кылабыз, андан көрө иштеп өзүңдү-өзүң бак! - деди жеңеси Турсункан. Мадина аерден ого бетер ойго чөмүлүп чыкканда Алмаш аны ээрчий кошо чыкты.

- Эже, мен сиз менен барып иштесем болобу?

- Мен азыр бошмун.

- Иштеген жоксузбу?

- Жок, бир жумага бошмун.

- Аа-а, мен жумуш таба аламбы?

- Билбейм, - деген Мадина өзүнүн ар кайсы жумушту иштеп, бир да жолу жарытып акча табалбаган күндөрүн, чөп отоп колдорунун чор болгонун көз алдына келтирди. "Эмнеге мындай жашоо бизге жармашып алган, карап отурсаң элдин баары эле байып кеткендей сезилет. Жалгыз гана өзүм бечаранын күнүн көрүп эптеп жүргөндөймүн, эмнеге ушундай? Эми агамдын кызы дагы жоктун азабынан жашоого нааразы болуп турат. Ооба, мен буларга жардам беришим керек", - деген чечимге келип, Жумабектин коңгуроосуна жооп берди:

- Азыр жетем.

- Тез, күтүп калдык.

- Башка кимдер бар?

- Ал жашыруун сыр.

- Анын кереги жок эле…

- Эмнеге, баары өз кишилер.

- Макул. - Мадина телефонду өчүрө Алмашка карады. - Мени менен бир жерге барасыңбы?

- Барам, сөзсүз барам. - Алмаш кубанып кетти.

- Анда кеттик, - Мадина жылмайып койду. "Мейли көрсүн, буга сабак болсун. Менин аргасыз колунда бар улгайган адамга чыгып жатканымды көрсүн, агамдарга айтып келсин, мен өзүм айта албаганды", - деп ойлонуп алды. Аялдамага келип, Чүй менен түз өтчү маршруткалардын бирине түшүштү. Алмаш башка сөз сураган жок, үнсүз эл арасында унаанын кыймылына жараша термелип келе берди. Качан гана макулдашылган жерге келгенде түшүп калып, үч-төрт адамдын алдында өзүн көздөй гүл кучактап келаткан Жумабекти көрдү. Ой-кыялы чабыттап, алыска карай учуп, бет алдында Актан келе жатканын элестете жүрөгү бир жулкуп алгандай болду. Ашыгына карай кадамын ылдамдата басып келип, маңдайлаша калганда гана жүзү өзгөрө алдынан сур жылан тосуп алгандай тык токтоду. "Мен үмүтүмө алдандым, Актан кайдан келет эле дейм да, ушунун ордуна сүйүүсү үчүн күрөшүп, оттой жанган жаш жигит болсо гана, арман ай!!!", - деп алды ичинен.

- Кандай, Мадина, келдиңби, жаным? - деп Жумабек аны бетинен өпкөндө Алмаш эмне дээрин билбей карап турган. Мадинада үн жок, сөз жок, же өкүнгөнү, же кубанганы белгисиз, бет маңдайындагы ээгинде бириндеген суюк чокчо сакалдуу адамды эми көрүп тургандай жалдырап тура берди.

- Саламатсызбы, сизди куттуктайбыз! - деп жанындагы кырк-кырк бештердеги жашыраак киши жылмая карады. Мадина дагы эле үн-сөзсүз, түш көрүп тургандай каалгыган каркыралардын асмандан угулган үнүнө кулак салды. "Демек алар жылуу жакка кетишет. Мен дагы жылуу, ысык жактарга учуп кетким келет, бирок аргасыз канаты жок кушмун. Ушуга татыктуумун, эгерде ата-энемдин сөзүн уксам мындай болмок эмес, эми баары кеч. "Таш түш, таалайыңдан көр" дегендей таалайыма ушул чалды жазып койсо аргам канча", - деп селдейе туруп калганда Жумабек аны карыдан ала силкти:

- Мадина, сага эмне болду?

- Ыя?! Эчтеке, мына келдим…

- Жүргүлө, үйгө кеттик, - деп кудуңдаган Жумабек унаасынын эшигин ачты. - Отур, жаным, кеттик үйгө. - Алдыңкы орунга Мадина отуруп, Алмашты артына отургузду. Үйүнө барса он чакты адам бар экен, элге жарыя кылгандан корккон Жумабек жашыруун нике кыйдырды. Ошентип ал күнү Алмаш кетпей калды. Экөө ээн калганда Алмаш Мадинага шыбырады:

- Эже-е, эмне болуп жатат, сиз муну билип келдиңиз беле?

- Ооба.

- Эмнеге, картаң киши турбайбы?

- Жаштар барбы? - Мелтирей үн катты Мадина.

- Эмнеге андай дейсиз, толуп жатпайбы?

- Ошолор эмнеге жарайт? Акчасы барынын жүрөгү жок, сүйө билбейт, сүйдүм деп жүгүрүп жетип алгандан кийин тряпкага тең көрбөй башкасына ооп, жанын садага чаап жүрө берет. Жүрөгү ооруган бечаранын абалы менен иши да жок, эркин учкан бүткүттөй сезет өздөрүн.

- Эже, анан ушул киши менен жашайсызбы?

- Ооба, өлгөнчө жашайм, Алмаш.

- Атамдар уксачы?

- Сен айтпа…

- Кантип, бүгүн кайда болдуң десе эмне дейм?

- Эжем иш таап берди, жатып иштей турган экен де.

- Ишенбейт го?

- А сен ишендир, - Бир нерсе оюна түшкөндөй Алмашты тигиле карап, - Алмаш, кайсы окууга окугуң келет? - деди.

- Аны эмнеге сурадыңыз?

- Билгим келет.

- Мен чынында чет тил факультетине тапшырмакмын, бирок ким жардам бермек эле, эже?

- Мен жардам берем!

- Ыя?! - Алмаш Мадинаны ишенкиребей карап туруп калды. - Сизби, эже, кантип жардам бересиз?

- Сени Жумабекке айтып окууга киргизем.

- Чынбы, эжеке, чын элеби, эжеке, окусам кандай сонун болот эле? - деп Алмаш кубанычтуу Мадинаны кучактап өөп-өөп жиберди. - Эжекебайым, менин алтын эжем!

- Болду, унчукпай отур, мен өзүм сүйлөшөм, - деп Мадина аны араң тынчтандырды. Ошол маалда тамак-аш келди. Мадина менен Жумабек Алмашты катуу сыйлады, эртеси анын колуна үч миң сом берип жөнөтүштү. Ошентип Мадина Жумабек ажынын аялы болуп калды. Үйдөн чыкпай жоолукту алдынан салынып, көнө баштады. Бул жазга маал болчу. Ошол келин болгон таттуу күндөрүнүн биринде эркелеп жатып:

- Мен бир сөз айтсам макул болосузбу? - деп сурады.

- Айта бер, жаным, кандай болсо да аткарам.

- Менин сиңдимди окууга өткөрүп койбойсузбу?

- Кайсыга окумак эле?

- Чет тилге.

- Сүйлөшүп көрөйүн.

- Рахмат.

- Сөзсүз сүйлөшөм, бирок анын төгүмү көп, андан башка окууга окуса болбойбу?

- КУУгачы?

- Анда тааныш бар.

- Кандай болсо да окуп алсын.

- Макул, алтын, сен үчүн баарын аткарам, - деп экөө сүйлөшүп отурганда сырттан эшик ачып иштеген бала кирди:

- Ажы аке, сизге кишилер келди.

- Кимдер экен?

- Билбейм, үч аял.

- Менин эжемдер эмеспи? - Мадина коркуп кетти.

- Мейли, сүйлөшөбүз. - Жумабек ордунан козголуп, сыртка чыкса дарбазанын жанында Жаңыл, Турсункан менен Адина туруптур.

- Эй, кандай уятың жок ыя, Мадинаны чыгар азыр, сендей картаң чалга тийгидей кыз эмес! - деди Жаңыл аны көрүп эле атырыла. - Эмне деген маскарачылык, алып чык Мадинаны! - деп аңкылдап кыйкырды. - Акмак, картаң эш-шек!

- Эмне турасыз, уят эмеспи, балаңдын баласындай кызды үйүңө камаганың, чыгарып кой азыр, болбосо сотко беребиз сени, сага жаш катын алганды көрсөтөбүз! - деди Турсункан дагы жөн турбай. Ажылдаган аялдарга Жумабек даабай Мадинаны чыгарды, анын жини келип турду.

- Эже, жеңе, эмне болуп жатасыңар, мен бул кишиге өз каалоом менен келдим. Мындай сөздөрдү кайдан алдыңар, мен эч жакка кетпейм!

- Эй кыз, сенин башыңды таза тегеретип салган го?

- Башымды эч ким тегерете албайт, эже, мен өзүмдүн эрким менен ушул кишиге тийдим. Баргыла, бара бергиле, мен калам ушул жерде, өлүгүм чыкса ушул жерден чыгат!

- Сотко беребиз картаң как башты!

- Мен турганда бергенге акыңар жок, эже, - деп Мадина аларга жакындамак болгондо экөө-үчөө аны короодон чыгарбай киргизип кетишти.

Бир сааттан кийин Жаңыл менен Турсункандар милицияда отурушту. Эки милицияны ээрчитип кайра келишти. Алар ичкери кирип Жумабек менен сүйлөшүп чыгышкан соң:

- Өзүңөр сүйлөшүп алгыла, кызыңар өз макулдугу менен келген тура, биз эч нерсе кыла албайбыз, - деди бири.

- Эмнеге, мындай шишкарлар өз билгенин жасай береби, молдо ажы болуп туруп жаш кыздарды алып жатса, эмнеге чара колдоно албайсыңар?

- Кызыңар арыз берген жок, анан да өз эрки менен келгенин өзү айтып жатат, мындайда биз эчтеке кыла албайбыз, - деп экөө ийиндерин куушура кетип калышты. Күйүп-бышкан Жаңыл жеңеси менен сиңдисин ээрчитип алып, аргасыз үйүнө кетти. Алмаш апасы жокто үйүнөн чыгып, Мадинага телефон чалып келгенин айтты эле, ал тосуп алды.

- Кандайсыз, эже? - деп өбүшө учурашып, ичкери кирди.

- Жакшы, өзүң кандай? - Сиңдисин эркелете карап, - Сен сөзсүз окуйсуң, КУУнун филология факультетине киргиң келеби? - деди.

- Чын эле киремби, эжеке?

- Сөзсүз окуйсуң, сүйлөшүп койдум, андан көрө даярдана бер.

- Болуптур, эже, мен эми баш көтөрбөй окуйм, бир ай эле калбадыбы, сөзсүз даярданам.

- Аракет кыл, мен жездең менен сүйлөшүп баарын бүтүрөм, - деп Мадина ага чай-тамагын берип, анан жөнөтүп койду. Өңү сузданып турмушка чыгып, жаңы жашоону баштаган жаштын жүзүндө бактылуулуктун изи да жок. Жеңил ойлуу мүнөзүн салмактуулугу жеңип, өз тагдырынын мындай кескин бурулушуна кайыл. Арадан бир-эки ай өтүп кетти. Ата-энеси Мадинанын кылыгына жинденип, Жаңыл чалганда:

- Эмне болсо ошо болсун, өзү каалап тапкан эрине тим койгула, өлсө-өлүп кетсин, өлгөн кыздын бири! - деп Асылай Жаңылга ачуусу менен кыйкырып алды да, анан кайра: - Ал жөнүндө эч кимге билдирбегиле, элдин бетин кантип карайбыз? - деди акырын.

- Биз кантип айтмак элек, уялат экенсиң, апа, ал сени менен теңдей, балким улуу чыгаар…

- Өлүп кетсин, кулагыма угузба ошонун атын, - деп өчүрүп салды. Ошентип жакындары билмексен болушканы менен эл деген эл да, өздөрүнчө күбүң-шыбың болуп жатты. Адина бир күнү Мадинага жалгыз отуруп, телефон чалса эжеси көпкө чейин албай анан:

- Алло, - деди оозу бош.

- Мадина, мени менен жолукпайсыңбы?

- Эмнеге?

- Сүйлөшөбүз да.

- Эмнени?

- Жолуксак сүйлөшөбүз, Мадина, сен өзүңдү кандай сезип жатасың? - деди Адина жай гана.

- Убактым жок, Жумабек мени жоготуп алгандан коркот, эч жакка чыгарбайт.

- Сен анда камоодо турбайсыңбы?

- Жо-ок, Адина, мен өзүм дагы чыккым келбейт, мен эми иш издеп жолдо жүрбөйм, баары даяр. Жатып алып кино көрөм, кийимим бүтүн, кардым ток, башка эмне камым бар? - деп Мадина күлүп койду. - Эми биз чоңойдук, өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чечебиз, туурабы?

- Аның туура, Мадина, бирок атамдар капаланып жатат, мен үйгө барып келдим, анда сени билген эмеспиз.

- Макул, Мадина, мен телефонду өчүрөм, канткен менен алар биздин ата-энебиз да, кечирет, көнөт, ак батасын дагы берет, жакшы тур!

- Жакшы тур, - деп боло электе телефон түү-түүт деп өчүп калды. - Жинди болгон го, өчүрүп салды, - деп таңгалып отурганда Каныбек кирип келди.

- Оо, менин алтындарым десе, уулум кандай, ойноп жатабы? - деп уулун көтөрүп алып өпкүлөп ийди. - Ыйлап кыйнаган жокпу уулум?

- Жок, ыйлаган жок, чоңоюп калбадыбы. - Адина эрин жылмая карап жооп берди, анын ичи бөрсөйүп калган. Каныбек ага ичи жылый уулун жерге койо салып, Адинаны кучактап ичин сыйпалады:

- Менин кызым чоңоюп жатабы, жаркыным?

- Чыгам деп жатат.

- Кой, азыр эрте, убагында чыксын, менин алтындарым, ырыстарым десе. Сенин ден-соолугуң эң жакшы болуш керек, тамакты дурустап ич, витаминдүү жер-жемиштерди каалашыңча же, мына дагы ала келдим, - деп босогого койо салган пакеттердин биринен алмаларды чыгарды. Жууп алдына койору менен уулу алмаларды бирден кармалап оңуп калды, Адина дароо эле жей баштады. - Кана, силерге жактыбы?

- Жакты, анар алып келбедиңби?

- Ал да бар, тигил пакетте турат.

- Кардың ачса тамак ич.

- Азырынча токмун, мен ваннадан чыкканда чогуу ичебиз. - Каныбек ваннага кирип жуунуп чыкты. Эки жашка чыгып-чыга элек уулу Болотхандын там-туң басып ойноп жатканына кубанып отура кетти. - Кана, жаным, эмнең бар алып кел.

- Азыр, атакеси, азыр, - деп Адина күлүмсүрөй ашканасына чыкты. Тамактан кийин кичинекей уулун уктатып коюп, экөө эркелешип жатты. Мекебайдын да көңүлү тынып кубанып калган, Ширин менен жашап жатканда уулуна жаман айтып урушуп дагы жүрдү. Кетир деп бир топко сүйлөшпөй да жүрүштү ата-бала, эми үйлөнүптүр дегенде сүйүнгөнүн айтпа. Кудуңдап кемпиринен кайра-кайра сураган эле. Улуу небересин сүйүнчүлөшкөндө кубанычын жашыралбай ыйлап жиберген. Каным күйөөсүнө күлө карап:

- Кудая тобо-о, кырк беш жыл бирге жашап Мекебайдын ыйлаганын көрбөдүм эле, ушунча да жашык болосуңбу. Кой, минтип жаман жорук баштаба, чал, - деп жонго таптаганда Мекебай аялын ормойо караган.

- Каныбекти өмүрү өткөнчө бөлөк боор балдар менен калабы деп жүрөк өйүткөн санаага батчумун. Аллага шүгүрчүлүк, кемпир, чырактай аял алып, уулдуу болуп отурат, ыйлабаганда кантем, боосу бек болсун жаман уулунун. Там-туң басып, кара таман болгондо гана көрөм неберемди. Ага чейин бир кара улакты ошого арнап койойун, - деди Мекебай. Жаныбек күлүп калды. Анын үч баласы бар, эң улуусу чоңоюп, кол арага жарап калган.

- Атам кубанса да болбойбу, апа?

- Кубанса эркектей кубанбайбы, аял кишиден бетер көз жашы менен көргөзбөй, - деп Каным күйөөсүн тамашалай караган. Каныбек ошондо иниси менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып баарын угуп, өзүнчө күлгөн. Атайы телефонду өчүрбөй койгон Жаныбек:

- Уктуңбу, аке, атам менен апамдын тамашасын? - деди эле, Каныбек ага:

- Тим кой, тамашалашып алсын, - деп өчүрүп салган. Эми аны Адинага айтып берип, күлүп атты.

- Чын эле атам ыйлады беле? - Адина таңгала сурады.

- Апам айтып жүрөт, эртең атамдар келет, ошол кара улакты ала келишет экен.

- Каныбек.

- Ийи.

- Чын эле үч балалуу аялды эмнеге алдың эле?

- Илинип калгам да, анын кереги эмне сага, эми сеникимин, - Каныбек аялын мурдунан чымчып өөп койду.

- Айтсаң эми, сүйгөнсүң го ээ?

- Жок.

- Анан илинип калдым дегениң кандай? Кыз болсо бир жөн, үч баласы болсо, сүйүп калып үйлөнгөнсүң да, ошол үчүн он жылдай жашагансың, туурабы?

- Адина, аны сүйгөн эмесмин, ал: "сенден боюмда бар", - деп мага жалдырап туруп алды. Эри жок аялга жолоп алып, аны элге уят кылгым келбеди, боорум ооруп үйлөнүп алгам.

- Анан эмне болду?

- "Аялдын амалы кырк эшекке жүк" деген чын экен, ал мени жөн гана кармап калуу үчүн алдаптыр…

- Боюнда жок бекен?

- Үйлөнгөндөн кийин мен рейске чыгып кеттим, эки жумадан кийин келсем чүмкөнүп жатыптыр. "Эмне болду?" - десем, "Боюмдан түшүп калды", - деди ыйламсырап, мен ишендим. Дагы болот деп күтүп жүрүп, он жыл өткөнүн да байкабай калдым.

- Кечир мени.

- Эмнеге, кайсы күнөөң үчүн?

- Өткөндү эсиңе салганым үчүн.

- Айбан десе, андан эмне болмок эле. Өзүңдү күнөөлүү сезе бербе, сен мага бала төрөп берген ыйыгымсың, уктуңбу, ыйыгым? - деп кучагына бекем кысып алды. Экөө ушул бактысына ыраазы боло уйкуга сүңгүштү. Эртеси айткандай эле ата-энеси, Жаныбек аялы, кичүү баласын алып келип калышты. "Болотхандын көрүндүгү бир тай", - деп кайнатасы небересин мурдунан чымчып өптү. Кара улакты союп, түлөө өткөрүштү. Ага Жаңылды, Айтмырза менен Бекмырзаларды чакырышты. Мекебай небересин көтөрүп ойнотуп, эркелетип, чулдурап бирдемелерди айтканына жетине албай эки-үч күн жүрдү. Келинине кирсе-чыкса алкоо айтып, ыймандуулугуна, иштермандыгына ичи жылыды. Ошентип алар бактылуу жашоонун алгачкы кадамын баштап, уулунун артынан кыз күтүп жатышты. Замандын өзгөрүүсүнө жараша аппараттар чыгып, Адина УЗИден кыз экенин айтып келген эле…

Мадина болсо мисирейгенден мисирейип Жумабектен намаз үйрөнүп, кадимкидей беш маал окуп калды. Намаздын аягында жүрөгүнүн тереңинде жашаган адам үчүн тилек тилейт да, бата кылат. Эсинен Актан чыкпай, "Эмне болду экен, дагы эле кыйналып жүрөбү, эмнеге анын өлгөн аялы ага тынчтык бербейт, чындап эле ал бойдок өтөбү?" - деп ойлоно берчү болду. Бир күнү үйдө жалгыз отурганда телефону шыңгыраганынан караса Актан.

- Алло, Актан, кандайсың, ден-соолугуң жакшыбы?

- Жакшы, өзүң кандай, Мадина?

- Баары ойдогудай.

- Мадина, жолукпайлыбы?

- Бара албайм.

- Эмнеге?

- Экөөбүздө сөз жок эмеспи?

- Мадина, сени көргүм келет.

- Жок, капаланба, Актан…

- Анда мен барам, дарегиңди айт.

- Болбойт.

- Неге, Мадина, досторчо жолугалычы.

- Актан, эртең саат ондордо барайын, үйүңдө бол, макулбу?

- Бүгүн келсең болмок.

- Эртең сөзсүз барам, кош, - деп өчүрө салды. Сырттан Жумабектин кирип келе жаткан дабышын сезе койду. Туруп ашканага кирип, бирдеме жасамыш этип калды.

- Эмне кылып жатасың, Мадина?

- Тамак жасап...

- Тим кой, күндө эки маал тамак жасаганда болбойт.

- Эмнеге?

- Эконом болуш керек го?

- Аа-а, макул анда, - деп Мадина чыга келди. - Иш бүттүбү?

- Ооба, эртең кечке телевидениеде болушум керек, намаз окуп алып, эс алайын.

- Орун сала берейинби?

- Ооба.

- Айылдан апам келиптир…

- Келет бекен?

- Келсинби?

- Каршылык кылып, сени алып кетем дебесе келсин.

- Мени менен сүйлөшөм дейт…

- Сүйлөшкөндө кандай, үйгө келеби?

- Адегенде жолугуп сүйлөшсөк, анан келээр күнүн айтат го?

- Кайдан жолукмаксыңар?

- Телефондон өздөрү айтат, сенден жооп алайын дегем.

- Өзүң бил, кыскасы, кечинде үйдө бол.

- Макул.

- Барбасаң болбойт, - деди да, Жумабек намаз окуучу бөлмөгө кирип кетти. Мадина жайнамазын алып, артынан кирди. Экөө бара-бара бири-бирине болгон урматтоо, сыйлоо менен гана чектелип калган. Мадина бул динге болгон көз карашы жакшы өнүкпөгөндүктөн, негедир көнө албай, намаз окуп баштаганда эле өзүнүн күнөөлөрүн ойлоп, өзүнчө коркуп кетчү болду. Куран китептерди көп оку деп аны Жумабек атайы мажбурлачу. Ошондо ал ата-энесине каяша айтып, тил албай өз билгендерин жасаганы үчүн кудайдан кечирим суроочу болгон. Ал дагы бир күнөөгө батканын сезди, бирок аргасыз эле. Канчалык куран китептерин окубасын жаштыктын алоолонткон сезимдери жан дүйнөсүнүн бир капшытын ээнсиретип, кээде ушул жашоосуна канааттанбай кетет. Бүгүн намаз окуп отуруп, эрине калп айтканы үчүн кечирим сурады. Андан кийин жуунуп келип, төшөккө жатышты. Жумабек баягысындай өнтөлөп, үзүлүп түшпөй кадимки аялы катары мамиле жасай баштаган. Ал эми гана жанына келип жатып, өзүн кучактаган Жумабекке карап:

- Динге ушунчалык ишенесизби? - деп сурады.

- Эмнеге минтип сурадың? - Жумабек кайра өзүнө суроо узатты. - Минтип кудайга күнөөкөр болбо.

- Сураган дагы күнөөгө жатабы?

- Ишенбегендик.

- Ишенсек, сиз көп аял алган экенсиз, бул күнөө эмеспи?

- Шариятта бар, Мухаммед Алейки Салам он эки аял алган.

- Ал аялдарды кыйындыктан, жалгыз бойчулуктан куткаруу үчүн гана нике кыйдырган тура, а сиздин аялдарыңыз азыр карооңуздабы?

- Кээсине жардам берип турам.

- Өлгөн адамдын элеси адамдарга көрүнгөн учурлар барбы?

- Болот, өтө нааразы болгон арбак, өзү жамандыкка кыйгысы келбегенге жана өч алууга көрүнгөн учурлар болот, эмнеге муну сурадың?

- Андайда эмне кылыш керек?

- Куранды көп окуп, мал атап союш керек.

- Ошондо көрүнбөй калабы?

- Сөзсүз, ал жансыз арбак да, ыраазы болсо кетет.

- Кызык экен.

- Эмнеге сурадың?

- Менин бир таанышымдын аялы ага тынчтык бербейт экен.

- Анда куран окутуп, кечирим суроо абзел. Кой, тынч укта.

- Сиздин аялыңыз мени көрөөр көз деп какшыктап урушуп кетти, көрөөр көз деген эмне?

- Илгери хандар, бектер тогуздап аял алган, алардын баарына бир күндөн түнөп чыкчу кезек менен. Кээде эң кичүү жаш аялы жибербей эркелеп алып жатып алганда аялдары уруш чыгарчу экен. Ошондо "ал менин көрөөр көзүм", - деп эркелетип, эң улууларын, карыгандарын энчи бөлүп берип, жер берип, балдары менен бөлүп койчу тура. Эң жакшы көргөн аялын "көрөөр көзүм" дейт.

- Сиз мени ошондой жакшы көрөсүзбү?

- Эмнеге, күмөнүң барбы?

- Жок, айтып койдум да.

- Кам санаба, алар үмүтүн үзүп келбей калат, бул үйдө өзүң гана кожейке болосуң, - деп Жумабек аны кучактап өөп алды. Эртеси Жумабек кетээри менен Мадина үйдөн чыкты, шашыла таксиге отуруп Актандын үйүнө жөнөдү. Жолдон нан, тамак-аш алды, анан телефон чалып келе жатканын айтып коюп, көп кабаттуу үйдүн эшигине токтотту таксини. Ал башына жоолук салынып, үстүнө узун кемсел кийип алган. Аны көргөн Актан таң калып калды.

- Ой, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Дурус. Сен молдо болуп кеттиңби, Мадина?

- Отур, Актан, анан сүйлөшөбүз, - деп Мадина алып келгендерин үстөл үстүнө жайып, Актандан аялынын аты-жөнүн сурады. - Сен куран окуйсуңбу?

- Жок, билбейм.

- Анда мен окуюн, - деп көзүн жумуп алып бир топко оозун кыбыратып куран окуду. Аягында "Албан кызы Айзаттын сообуна тийсин, жаны жаннатта болуп, күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан сакталсын, оомийин!" - деп жүзүн сылай бата кылды. - Кана сүйлө, Актан, - деди жылмая.

- Мен таңгалып турам, сен исламдын окуусуна киргенсиңби?

- Жок, Актан, молдого күйөөгө чыккам.

- Койчу, күйөөгө тийдиңби? - Актан аны башкача көз менен карады.

- Ооба, сен ар бир бейшембиде куран окутуп турсаң арбак сага келбей калат, - деди Мадина.

- Күйөөң молдо болсо кантип келдиң?

- Биз доспуз да, мен сага жардам бергени келдим. Сенин көрүнүшүңө тынчсызданам.

- Күйөөң билбейби?

- Жок.

- Эмнеге тийдиң, же сүйлөшүп жүрдүң беле?

- Ооба. Мен сага атайын жан кумары же сага атайын жагуу үчүн эмес, достук ирээтинде келем, Актан. Адам болгондон кийин колуңдан келсе бири-бирине жардам берүү, кыйынчылыктан сүйөп чыгаруу парз…

- Мен динди түшүнө бербейм.

- Кой, мен кеттим, жакшы тур, Актан, ата-энеңе айтып куран окутуп койгула, - деп өйдө болду.

- Бат эле кетип каласыңбы?

- Антпесем болбойт.

- Бир аз отурчу.

- Жок, күйөөм келгенде үйдө болуп калышым керек.

- Макул, - Актан оор улутуна жаагын таянып аны карап туруп, - Эмне, күйөөңдү сүйөсүңбү? - деп сурады.

- Сүйүү үчүн эмес, жашоо үчүн чыктым.

- Түшүнбөдүм.

- Сүйүп же сүйбөй тийсең да баары бир келип жашоого такалат. Сүйүү жашоонун өзөгү болууга тийиш, бирок ар бир пендеге эле сүйүүнү буйрубаган, эң улуу, күчтүү сүйүү чанда адамга берилет. Андайда күтүү, азап, арман гана коштоп алаары шексиз, эң башкысы ар бир пенде жашоону гана сүйүүгө акылуу…

- Токто-токто, Мадина, сен туура айтасың, жашоону сүйүп жашоо гана адамды бактылуу кылса керек?

- Ооба, ошондой Актан, мен кечигип жатам, жакшы тур, - деп Мадина сыртты көздөй жөнөдү.

- Жакшы бар, узатып койойун.

- Кереги жок.

- Чалып турсам болобу? - Актан аны сынай карап, жооп күттү.

- Күндүзү, бирок мен коркпойм, өзүмдүн парзымды аткарууга тийишмин, сен экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок эмеспи?

- Туура.

- Кош! - деп Мадина шашыла чыгып кетти. Актандын ичи ачышып, жан дүйнөсү дүрбөлөң түшүп калды. Анан базарга барып, атайын намаз китебин сатып алды да, атасынын ал-акыбалын көрүүгө жөнөдү. Ал келгенде Кенже Арстандын башына бийик жаздык жаздап, кашык менен тамак берип отурган экен.

- Ата, кандай, ден-соолук жакшыбы? - деп Актан жанына отурганда Арстан башын болоор-болбос ийкеп койду.

- Өзүң келбей кеттиң го, балам, эми үйлөнсөң боло. Мени болсо көрүп турасың, оорулуу атаңды карап, үй тиричиликке карап кыйналып баратам. Умар да ойноп чыгып кетет, аны кароого жетише албай калам, бирин кылсам бири калат, - деп Кенже кейип-кепчип кирди. Актан абайлап караса Кенженин саамай чачтары агарып, жүзүн аз-маз бырыш басып калыптыр. Бир-эки жыл мурун койкоюп жаш келиндей көрүнгөн апасына боору ооруп кетти. Ички оюн кантип айтаарын билбей көпкө башын жерге салып отурду.

- Апа, - деди анан, - Айзатка куран окутуп койсок кандай болот? - Апасынан жооп күтө карады.

- Эмне дейсиң, уулум? - Кенже кайра Актанга суроолуу тигилди. - Ырас эле, ал бул үйгө келин болуп келбеди беле, угуп-билип туруп эчтеке кылбаганыбызды кара.

- Менин үйлөнгөнүмө ал каршы болуп жатат.

- Эмне дейт? - Кенже чочулай карады.

- Ошол, ал мени тынч жашатпай койду, - деп ата-энесин караганда Арстан бирдеме дегиси келип, көздөрүн чоң ача ирмегилеген менен сүйлөй албай көзүнүн гана жашы кулагына куюлуп армандуу карап турду. Кенже уулун карап:

- Чоң атаңдарга телефон чал, балам. Жалгыздыктын азабы ушундайда билинет экен го. Иниң же карындашың болсо үйдө серейбей караан тутат элем, сен үйгө жолобойсуң. Дагы Умар каңыр-күңүр болуп, эрмек болчу болду мага. Кандай бактылуу үй-бүлө элек, минтип оорунун запкасын тартып отурабыз, - деп күйөөсүн карады. Анын жашы төгүлүп турган экен, колдору да кыймылдабай сенек болуп калган, башын зорго чайкап: "Ыйлаба, жаман ойлобо, баарына өзүм гана күнөөлүүмүн", - дегендей бөлбүрөйт. Анысын Кенже менен Актан түшүнбөдү. Салдай болгон сөөк-саактуу адамдын арыктап, төшөк менен төшөк болуп жатканына каңырыгы түтөй кейип турушту. Ошондо да аны тосуп, булгап койсо жуунтуп, кийимин алмаштыруу Кенженин мойнунда эмеспи. Актан агасы Үрүстөмгө телефон чалып сүйлөштү.

- Алар эртең келебиз дешти.

- Жакшы болду, атаңды да кыргызча көзү ачыктарга көрсөтсөк окшойт.

- Өзүңөр билгиле, - деп Актан туруп кетти.

- Кайда барасың?

- Үйгө.

- Ботом, сен атаңдын жанында болсоң боло, мен тамак жасайын, көптөн бери эмне ичип, эмне койгонумду дагы билбей калдым.

- Макул, апа, - Актан кайрылып отуруп калды. Умар уктап жаткан, ал ыйлап турду, аны көтөрүп Кенже ылдый түшүп кетти. Актан атасын ойлуу карап отура берди, бүт тулкусу кыймылдабай жалдырап жатканына эки жылдан өтүп баратат. Эки көзү ачылып турган менен көрбөйт, жөн гана белги берип, башын чайкаганы мени көрүп турушат дегени эле. Жондору, жамбашы катуу оюлуп бараткандыктан, аны ары оодарып, бери оодарып мазь сыйпайт Кенже. Баладай карап багып жаткан учуру, кээде жамбашы эс алсын деп кырынан жөлөп жаткырып койсо кыңылдап ыйлаган баладай үн чыгарып ийгенде кайра чалкасынан жаткырат. Врачтардын укол-дарысы жардам бере албагандан кийин аргасыз үйдөн карап калышты. Актан азыр аны карап отуруп, өктөм сүйлөп, буйрук бере билген бир кездеги кайраттуу атасы экенине ишенбей кетти. Бет сөөктөрү оркоюп, эки кулагы делдейип, көзү чарасына кирип, тирүү гана өлүктүн сүлдөрү жатат. "Эмнеге Айзат атама мынчалык каршыкты экен? Ошол буттарын бууп, көзүн ойгондон кийин эле ушинтип калды", - деп ойлоп качантан бери катып жүргөн Айзаттын катын таап келди. Аны өзүнүн китептеринин арасына салып катып койгон эле. "Бир гана сенин Султаналиев Арстандын уулу экениңди билбегеним чоң күнөөм болду. Анткени ал киши мени өмүр бою жактырбай койору бышык, атаң мени бул үйдүн мүчөсү катары баалабайт", - деген жерин кайра-кайра окуп чыгып, "Бул экөөндө бир сыр бар", - деп боолголоду. Бирок кандай сыр экенине түшүнө албай дел болуп отурганда аны Кенже чакырып калды:

- Актан, кел, балам, тамак ичип ал!

- Азыр, апа, - деп атасына карады. - Азыр келем, ата, жата тур ээ? - Көзү көрбөсө да анын көздөрүнө тигилди, ал баш ийкеген болду. Актан шарт бурулуп ылдый түшүп баратып да: "Султаналиев Арстанбектин уулу экениңди билбегеним чоң күнөөм", - деген сүйлөмдү эстеди. "Демек, бул кызматынан пайдаланган, бул жерде бир сыр бар. Неге ошондо артынан барып чындыкты сурабадым, неге оюма эч жамандык келген жок, ачыгын айт десем болмок да", - деп өзүн-өзү жемелей креслого отурду. Апасы алдына койгон тамакты ичип жатып да ойлоно берди: "Болбосо эмнеге киши жалдап өлтүртөт, мурда аны менен болгон экен", - деп эми гана Умарды теше тиктеди. Айзат экөө жолуккан күндү, аны менен болгон күнүн эсептеп, уулу эки ай эрте төрөлгөнүн билди. "Демек бул анын баласы, менин балам эмес", - деген ой анын башына таяк тийгендей эле каңк эте түштү. Бир аз тунжурап отуруп, тамак ичкен же ичпегенин байкабай Кенженин: "Кайда жөнөдүң?", - дегенин да укпай чыгып кетти. Ал дароо эле кафеге барды. Аерден арак ичип, машинасын чымын-куюн кылып айдап өз үйүнө келди. Жанына арак салып алган, көз алдына Айзатты келтирип: "Ошондо неге кетип калган жок, менин атам анын ойношу экенин билгенден кийин кетип калса болот эле го?", - деп эчтеке билбей калгыча ичип жатып калды. Ал уктаары менен аппак көйнөгү чубалган Айзат аны ээрчитип жөнөдү. Бир үйгө ээрчишип барды, аерде бир келин жатыптыр, куду атасындай жансыз сөлөкөт. Айзат Актанга аны колун жаңсай көрсөтүп, буларды айтты: "Мына, бул менин тагдырымдын өзгөрүшүнө себеп болгон, эми бул дагы өз жазасын алып жатат. Актан, сен менин ордумда болсоң ушундай кылмаксың, мен сага зыян кылбайм. Атаң жаткан жеринде чирийт, бир эмес көп күнөөсү үчүн, а сени мен бактылуу кылам". Ошентти да, андан ары карай ээрчитип жөнөдү. "Ушул жолду эсиңе тут, бул жакта сенин бактың бар. Сен ошого гана үйлөнөшүң керек, бул адатты ташта, ичкиликти кой. Бар эми, үйүңө бар, ушул жолду унутпай эсиңе сакта", - деп желп эткен жел сымал көздөн кайым болду. Көзүн ачса үйдүн ичи капкараңгы, терезеден түшкөн жарык гана саал шоола берип турганы болбосо көөдөй караңгы. Башы сынып, оозу кургап турган экен, эптеп ордунан туруп, ашканага кирди. Суудан жумуру каткандай аптыга жутуп, анан: "Ө-өх", - деп алды. "Эмне эле түшүмө кире берет, көп эле аялдар өлүп жатат, алар дагы ушинтип кирет болду бекен, кимден сурасам экен?", - деп ойлой эмеле оонап жаткан ордуна келсе бөтөлкөнүн түбүндө бир жутум арак туруптур. Аны стаканга куюп, эми жутаарда "Ичкиликти кой", - деген үн кулагына угулуп стаканды кайра койду. Башынын жарыла ооруганына чыдабай көзүн жумуп туруп, аракты бир көңтөрүп ордуна койду, андан кийин дагы ичип жатып алды. Көзү илинип кетиптир, ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр. Көпкө дейре тургусу келбей жатты. Умарды дагы көргүсү келди, апасынын наалыганын эстеди, бирок турганга мойну жар бербей шалдырап жата берди. Кенже ага такыр телефон чалып, кайда экенин сурачу эмес, азыр анын чалганын көрүп, чоң аталары келгенин сезе эптеп өйдө турду. Жуунуп, кийимин которуп, өзүн ирээтке келтире сыртка чыкты. Ал үйүнөн узай электе эле татынакай кыз аны колун жаңсай токтотту.

- Чоң кыз, кайда барат элең? - деди Актан айнектен башын чыгара.

- Мен шашып жаттым эле, аялдамага баргыча бир топ, жеткирип койо аласызбы?

- Отур.

- Рахмат, - деп кыз арткы орунга отурду.

- Кайда бармаксың, чоң кыз? - деп күзгүдөн карап дагы сурады.

- Зарыл жумуш, Мэрияга бармакмын.

- Жеткирип койойун, атыңды билсем болобу?

- Жазира.

- Оо, жакшы атың бар экен, менин атым Актан, анда таанышып алдык ээ? - Жылмайып койду.

- Жакшы.

- Мэрде эмне жумушуң бар эле?

- Зарыл, мамлекеттик иш.

- Кайда иштейсиң?

- Адвокатмын.

- Чоң турбайсыңбы?

- Өзүңүз кайда иштейсиз?

- Бекерчи.

- Баккан адамыңыз бар го? - Кыз дагы жылмайып койду.

- Жо-ок, ошондой бирөөнү издеп жүрөм.

- Тамашакөй экенсиз, - Аңгыча жол тыгын болуп көпкө токтоп калды. - Кээде шашканда ушундай болуп калат. - Жазира тынчсыздана жолду улам карап койот.

- Күйөөң барбы?

- Эмне, күйөөлүү аялдай көрүнөмбү?

- Деги да, азыр кыз-келинди ажыратыш кыйын.

- Күйөөгө чыга элекмин.

- Эмнеге, күйөө албай жатабы? - Актан аны күзгүдөн карап, мыйыгынан күлдү. - Кыздарды күйөө ала качса эле тиет, карабаса бойдок болуп жүрө беришет.

- Ошондой го, эч кимге жакпай жатат окшойм. - Жазира дагы тамашага тамаша менен жооп кылды.

- Ыраспы?

- Ии-ий.

- Кызык экен, сиздей пайдалуу иши бар, сулуу кызды көрбөй кайда жүрүшөт болду экен?

- Мигрант болуп кетип калышкан го?

- Туура, биздин өлкөдө кыйын жигиттер чет өлкөлөрдө болуп калышпадыбы, мага окшогон чабалдары сизге даай албай жүрсө керек?

- Сиз өзүңүздү чабалмын деп ойлойсузбу?

- Ошондой чыгаармын.

- Мүмкүн, бул жакта жалгыз турасызбы?

- Кайдан билесиз?

- Көрүп жүрөм.

- Мен сизди көрбөпмүн.

- Сиз дайыма көрбөй турган болуп келесиз…

- Аа-а. - Актан каткырып алды. - Чын айтасыз.

- Жетип калдым, рахмат сизге, мына алыңыз, - деп Жазира сумкасынан акча алып сунду.

- Бул аз го? - Актан аны жылмая карады.

- Ыраспы, мен такси менен келгенде ушунча эле берчүмүн, - деп кайра сумкасын ачып жатканда Актан:

- Эмкиде кошуп бересиз, жакшы калыңыз, - деп унаасын жылдырып баратып, колун көтөрүп койду. Жазира күлгөн бойдон кала берди. Үйүнө келсе Султаналы менен чоң энеси Ыргал экөө келип калыптыр. Кенже аларга Актан келгиче эле болгонун айтып отурган. Алар менен учурашып болгондон кийин куран окутууга камынып калышты. Ошол учурда Арстандын кыйналганын көрүп, ата-энеси чыдай албай жанына келди. Же сөзгө келе албай, кара терге түшүп кыйналып жатты.

- Эмне деген ооруга чалдыктың эле, айланайын ай, мынчалык не күнөөң бар, кыйналдың го, балам ай, - деп Ыргал уулунун сенейген таштай муздак колун кармалап ыйлап отурду.

- Кудайдын жиберген кеселине өзү гана дабаа бербесе кыйын, кемпир, колдон келсе ушинтип жаткырат белек, мындайда "байлык" деген огожо боло албайт тура, - деп Султаналы каңырыгы түтөй карап тура берди. Ал учурда Арстандын караңгылыкта көптөн бери эчтеке көрбөй калган көзү жапжарык болуп кетти. Көздөрүн умачтап-умачтап алып, алайта ачып айланасында жер менен баспай эле каалгып жүргөн адамдарды көрдү. Алардын кээси тааныш, эбак өлгөн тагасы менен досу жүрөт, алар Арстанды колунан алып жетелеп жөнөштү. Бир кезде кенен жарык бөлмөгө киришсе аппак кийинген адамдар тегерете отуруп алышып, чоң китепти барактап, колундагы калемдери менен бирдемелерди жазып жатышат. Арстан көзү көрүп, буту басып калганына кубана алардын жанына келип: "Эмнеге жазып жатасыңар?", - деп сурады. Ак кийимчендердин бири: "Күнөөлүү, күнөөсүздөрдү бөлүп, тизмелеп жатабыз", - деп кайра кагазына үңүлдү. "Мени карап көрүңүзчү?", "Жо-ок, сен али келе элексиң, булар жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө келгендер", "Мен кайдамын анан?", "Сен эки дүйнөнүн ортосундасың, жазаны ошол жакта өтөйсүң", "Эмнеге, биротоло бияктан өтөсөм болбойбу?", - деди Арстан ага жакындай. "Жакындаба, тигиге барчы", - деп ары жактагы бирөөнө жөнөттү. Арстан кадимкисиндей эле бирдемеге шашылгандай көрсөткөн адамга жакындаганда ал: "Токто, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?", - деп сурады. "Мени сизге жиберишти", - деп Арстан токтой калды. "Сенин күнөөң көп экен, азыр көрсөтөм", - деген каардуу үн жаңыраар замат ары жактан жети кыз катарынан көрүндү. Алардын аппак көйнөгүнүн этек жагы кыпкызыл болуп канжалап, үчөөнүн мойнунда жип жүрөт, экөөнүн колунда бөтөлкөнүн сыныгы жүрөт, ал эми экөө болсо сууга түшүп тумчукканын көрдү. Алардын эң артында Айзат чыгып, аны эки адам муунтуп жатканы көрсөтүлдү. Ошол убакта Арстан бүткөн бою калчылдап, кара терге түшүп кыйналып жаткан. "Сен канча кыздын убалына калгансың, жети жыл дегенде бизге келип, тозок отунан орун аласың, азыр сенин келе турган убактың боло элек", - деген үн угулганда "Жо-ок, мен кыйналып кеттим, алып кеткиле!", - деп кыйкыра жандалбастап тыбырчылады. Ошол бойдон кайрадан көөдөй караңгылыкка сүңгүдү. Анын малма-чөлмө болгон денесин, кийимин көрүп, Ыргал кейип жатты. Атүгүл "Өлүп калабы?", - деген коркунучта туугандарын чакырышты. Арстанбектин кийимин Актандын жардамы менен эптеп Кенже которду да, шейшептерин жаңылап салып, жаткырып койду. Арстан эч нерсе көрбөй же сүйлөй албай алардын сөзүн угуп жата берет. Туугандары чогулуп, оорулууну дагы тегеректеп калган. Арстандын чекесинен чыбырчыктаган тер чыгып, Айзат менен шыбырашып сүйлөшүп жатты. "Сен мени мынча кыйнабай эле алып кетсең боло?", - дегенде Айзат мисирейген калыбынан жазбай: "Сен көрө турганыңды али көрө элексиң. Менин эмес, балаңдын алдында да күнөөлүүсүң, этиң чирип түшүп, чын дүйнөгө сөөгүң калганда гана келесиң. Ал менин эмес, Алланын буйругу. Мени өлтүрүүгө атайын киши жалдадың, дагы канчанын убалына калдың. Байлык башыңа түшкөн мүшкүл экенин, анын убактылуу гана экенин билдиңби, эгер ошол толгон байлыгың аралжы боло алса далилдеп көр!", - деди. Анан көздөрүнөн от чыгарып өрттөп кетчүдөй өзүн көздөй жакындады, бир кезде колун сунуп узун тырмактары менен ычкыр тушун тартып алды. Кыймылдабай жаткан Арстандын денеси ийрилип барып түзөлүп, бирөө тепкилеп жаткандай жан-алакетке түшүп тыбырай баштаганда Султаналы анын чилдесин түшүрткөнгө молдо алдырды. Молдолор үч сааттай окуганда гана тынчып жатып калды.

- Эми тынч уктайт, жакшылап карагыла, - деп молдо тамырын кармады. - Коркпогула, баары жакшы, болгону кандай болгонун билбей турам, - деди да, жанындагыларын ээрчите жөнөдү.

- Өзү жакшы элеби? - деди Султаналы.

- Тамыры таза, оорусу билинбейт, тамак-аш ичеби?

- Аз-аз.

- Буту-колун ушалап көргүлө, тамырында дарттын изи жок, врачтар эмне дейт? - деди кызыга түшкөн жаш молдо.

- Алар дагы оорунун изин таппады.

- Алла жар болсун, - деп койду молдо.

- Дагы эки-үч жолу дем салып берип кет, балам, - деп Султаналы ага акча карматканда ал кайрыла жылмайып, - Мен бул үчүн эчтеке албайм, шариятта акы алган болбойт, өзүм келем, - деп чыгып кетти. Эч нерсе эбеп-себеп болбосун баамдаган Султаналы аргасы кетип, оор үшкүрүп алды:

- Курган балам, оорусуна дабаа табылбай калабы? - деп тунжурай отуруп калды. Туугандарынан он чактысы келген, алар да өз жумуштарын айтып үй-үйүнө жөнөдү. Султаналы менен Ыргал көпкө жүрүп, Кенженин кыйналагынан көрүп, өздөрүнчө кеңешип бир жумушчу алып келип бермек болду. Султаналы өзү тааныган айылындагы бир келинди билчү ошону алып келмек болду, же күйөөдөн же баладан айтпай отуз беш жаштагы келин жалгыз турчу. Ага айына үч миң сом төлөп бермек болду эле, макул болду. Кенженин көңүлү жайлана түштү. Арстан уктаган кезде ал небересин ээрчитип, эки жакка чыгып сейилдеп келет. Тамак-ашы даяр. Кайната-кайненеси кеткенден кийин Арстанды жаткан эле жеринен жуунтмак болуп чечинткенде анын чатынын тытылып калганын көрүп, "Мынча эмне тытып алган, колдору кыймылдабаса кайдан тытат", - деп шалдая туруп калды. Анан жуунтуп жаткырып коюп, Умарды ээрчитип сыртка чыкты. Ошол кезде алардын эшигине бир машина токтоду. Алар Арстан менен көп жыл бирге иштеген теңтуштары, бири жакын досу болчу.

- Кандай, Кенже, жакшы жатасыңарбы? - Өмүрбек утурлай басып келип учурашты.

- Жакшы, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү? - деп Кенже аны менен ал-жай сурашып жатканда беркилер баш ийкеп учурашкан болду.

- Аскем кандай, жакшы болуп калдыбы?

- Кудайга шүгүр, жакшы дебегенге арга жок, киргиле үйгө, - деп алдыга жол баштады Кенже. Алар үстүңкү кабатка чыгып, Арстан жаткан бөлмөгө кирип, анын жалдырап жатканын көрө:

- Ассало-ому Алейкум, Аске.

- Жакшы болуп калдыңбы?

- Ден-соолук кандай? - дешип карап калганда Кенже:

- Көзү көрбөйт, сүйлөй да албайт, - деди акырын.

- Жаман болгон экен, врачтар эмне дейт? - Өмүрбек кабагын бүркөй Кенжени карады. - Азыр күчтүү апараттар бар го?

- Эч жардамы тийбеди, текшерткенде да оорусу далилденген жок, ушул жатышы. - Улутунуп койду.

- Эмне кылыш керек, досумдун абалы өтө кыйын болуп калган экен. Айла жок, аяш, башка келсе көтөрбөскө аргабыз жок да, мен дагы аялымдан ажырагандан бери кыйналып калдым, - деп башын жерге салды Өмүрбек.

- Сага дагы жаман болду, балдар чоңоюп өз-өзү менен, картая баштаганда сага жаман болду.

- Кайгырбаңыз эми, кудай берген ооруга өзү гана дабаа бербесе кыйын, биз кайталык, - деди келгендердин бири.

- Ооба, кетели, Кенжеш, иштер көп. - Өмүрбек ордунан турду.

- Чай-пай ичкиле…

- Жо-ок, нан ооз тиели, - деп, шашыла нандан ооз тийип чыга жөнөштү. - Жакшы тургула. Узатып чыккан Кенже: "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" деген чын экен го, ден-соолугуң барда жулкунуп иш калды, аш калды деп ашыгабыз. Ооруп же өлүп калсаң баары калат, бири кем дүйнөнүн жашоодогу кызыгы ушунда экен да-а. Арстан дагы үйгө түнөбөй: "иш чачтан көп", - дечү эле, эми өлүү-тирүүнүн ортосунда", - деп ойлоно кетип жаткандарды тиктеп туруп калды. Анын оюн келип кучактап калган Умар бузду:

- Апа, апа дейм, жүйү бакка байып келебиш.

- Садага болоюн десе, кеч кирип калбадыбы?

- Ыкы, жайык го.

- Биз жеткиче караңгы болуп калат, эртең эрте баралы ээ?

- Эйтен байабышбы?

- Ооба, Зияш эжең атаңды карап турат, экөөбүз сейилдеп келебиз, сен чоңоюп жигит болуп калбадыңбы, менин айтканымды угасың да, туурабы? - Эңкейип өөп мурдун чымчый эркелетип койду. - Сен менин уулумсуң, акылдуу бол, каралдым.

- Ийи да, менин акылым бай ээ, апа?

- Садагаң кетейиним, менин уулум акылдуу…

- Апа, куйчагым ачты, нан жэ-эйм.

- Жүрү үйгө кирели, - деп колунан жетелеп үйгө киришти, - Зияш, бизге чай берчи, уулум экөөбүздүн кардыбыз ачты.

- Азыр, эжеке, - деген Зияштын үнү угулуп, көп өтпөй эле чай алып келди. - Тамак даяр, ичесизби?

- Ичсе ичели.

- Жарайт, - деп тепилдеген арыкчырай келин ашканага кирип кайра келди. - Агага дагы беребизби?

- Өзүбүз ичип алалы, отур өзүң дагы.

- Рахмат. - Зияш өзүнө тамакты бөлөк салып келип, Кенженин маңдайына отурду. - Жанагылар кимдер?

- Алар Арстан менен иштегендер, көргөнү келиптир.

- Сиз баарын тааныйсызбы?

- Бири менен катышып турабыз, аты Өмүрбек, бир жыл мурун аялы катуу оорудан каза болуп калган.

- Кайсынысы?

- Үчөөнүн жашыраагы, сулуураагы, - деп Кенже күлүп калды. - А эмнеге сурадың?

- Берки экөөнү тааныбайт экенсиз да, - деп Зияш ойлуу отуруп калды. Кенже жаңыртып сурабады:

- Эми Арстандын идишине тамак куюп берсең ичирейин, - деп өзү бата кылып Умарга карады. - Тойдуңбу, уулум?

- Ооба-а.

- Анда атаңа кирели ээ?

- Иий, - деп отургучтан жылмышып түшүп, томпоңдоп өйдө карай тепкичке ойноп чыгып баратты. Кенже кеседеги тамакты көтөрүп келип, Арстандын аркасына бийиктеп жаздык койду да, оозуна кашыкты алып барды. Ал ичпейм дегендей башын чайкап тескери бурулуп болбой койду:

- Арстан, тамак ичсеңчи, ачка болосуң, - деп Кенже айтканда ал дагы башын чайкады. -Акыбалың бул болсо тамак ичпесең кандай болот, кеселди тамак жеңет да, кардың ток болсо жакшы болуп кетесиң, - дегенине болбой оозун бек кымтып ичпей койду. Ошол маалда көзүнөн жашы куюлуп жатты. Кенже аны түтүп карай албады, оңдоп жаткызып көзүнүн жашын сүрттү, өзү солкулдап үнсүз ыйлап аткан. "Кандай күндө калдың эле, эми кандай болот, ушуну менен баштакыңдай боло албай же бир ооз сөз айтып, жүзүбүздү суктана карап коштошо албай кете берээр бекенсиң? Байкушум ай, неге мындай азапта калдың, чыдай албай баратам", - деп каңырыгы түтөй көпкө ыйлады. Ал ыйлап жатканда Умар Актандын бөлмөсүндө ойноп жаткан. Ыйлап-ыйлап, анан бугу чыга улутунуп алды да, залга кирип диванга кыйшая ойлонуп жатты…

Арстанбек жаңыдан окуусун бүтүп келип, адегенде жактоочу болуп иштеп калды. Ишке так, ал кезде жан-дүйнөсү байлык, бийлик деген ооруга чалдыга элек, чыпыйган сулуу жигит эле. Ошол күнү бир адамдын жактоочусу болуп, өзүнүн иликтөөсү менен кылмышка түртүлүп, он жылга кеткени жаткан адамды камырдан кыл сууругандай актап чыкты. Анткени ал адам күнөөкөр эмес эле, күнөөлүү деп айыпталган бечара окуя болгондон кийин эч нерсени билбей үйүн көздөй өтүп бараткан. Ал эми кылмышкер эбак изин сууткан болчу. Тургунаалы өзүн кармап калган милицияларды таңгала карап:

- Сиздерге эмне болду? - деп сураган.

- Сиз кылмыш кылдыңыз, - деген тартип сакчылар аны бөлүмгө алып келип камап койду. Аерде туура бир ай жатты. Ошол убакта Арстан анын ишин колуна алып, дагы эки айга созду. Акыры анык кылмышкерди таап келип, Тургунаалыны актап чыкты. Кубанганынан берген акчасын алган жок, анткени ал кезде өкмөткө кызмат кылчу, айлыгы жакшы болчу. Алгачкы жактаган иши ийгиликтүү болуп, кубанычтуу чыгып келе жатса Тургунаалы аны сыйлайм деп болбой ашканага чакырды. Ошондо анын жанында жакшынакай кыз, бир агасы, апасы чогуу жүргөн эле. Ал кыз жаңы гана мектепти бүткөн Кенже болчу. Ал Тургунаалынын эң кичүү карындашы экенин билип, улам-улам карап отурган. Кийин алардын дареги боюнча ата-энесинин үйүнө киши жиберди Арстан. Ошентип, "Күйөө келсе кыз даяр" дегендей Кенже Арстандын өмүрлүк жубайы болуп калды. Болгондон бир уулдуу болушту. Ал кезде Союздун ыдыраары эч кимдин оюна да келген эмес. "Заманың түлкү, бөрү болсо бөрү бол" дегендей өзгөрүлгөн замандын шарапаты Арстандын араанын ачып, бат эле жегичке айланганын Кенже анда баамдабаган. Өзү сырттан окуп бүтүп, бир аз эле иштеди, кийин Арстан иштетпей койду. Ошол бойдон жалгыздык менен алышып келе жатат, эми минтип өлүү-тирүүнүн ортосунда жаткан күйөөсүн аяп ыйлап жатты…

- Кенже эже, сизди бирөө чакырып жатат, - деген Зияштын үнүнөн селт этип алды да, туруп чачы-башын оңдоп, көзүн аарчып чыга калды:

- Ким экен?

- Оо, Кенже сулуу, кандайсыңар, Арстан жакшыбы? - деген Иса өзүн көздөй күлүп келе жаткан экен.

- Жакшы-жакшы, өзүңөр? - Кенже тартына жооп берди.

- Арстан кайда?

- Бөлмөсүндө
.
- Жылыш барбы? - дегиче экинчи кабатка көтөрүлүп келди. - Акыбалы кандай?

- Жакшы, - деп Кенже Исанын артынан Арстан жаткан бөлмөгө кирди. - Бала-чака чоңоюп жатабы?

- Жакшы, Гүлсара салам айтты.

- Саламат болсун.

- Аске, кандай, оо жолборсум ай, оорунун азарын тарттың го?

- Айтпа, - Кенже күйөөсүн карагысы келбеди, анын аянычтуу түрүнөн эзилип бүткөн эле.

- Кандай кылабыз, кесел деген кесел, сакайып кетсин, - деп кобурана Арстандын колун кармап алып, селт этип кетти Иса. - Эмне мынча муздак?

- Ошондой, кыймылдабай калгандан бери жылыбайт же тамак ичпейт, жалаң суюктук эле ичет.

- Да-да-а, оору кордук деген, ооруну карап баккан сен да оорудан айырмасы жок кыйналдың. Не кылалы, сага биз дагы жардам бере албадык… - деп кайра бөлмөдөн чыгышты, кыязы ал дагы аны көрүп чыдай албады көрүнөт. Ылдый түшүп, креслого отурушту. Экөө тең үндөгөн жок, Зияш чай алып келди, үнсүз отуруп чай ичишти. Иса бир нерсени айталбай жаткандай улам Кенжени карап койот. Аны Кенже байкамаксан боло чай ууртайт.

- Кенже, - деди Иса көптөн кийин.

- Ийи.

- Арстанды карай берип кыйналдың, аны карылар үйүнө алпарып койсоңор кантет, кайда экени баары бир эмеспи ага…

- Иса-а, сен ушуну кантип айттың, жакын досу, тууганы эмес белең, кантип оозуң барды? - деп көзүнө жаш толо караганда Иса андан көзүн ала качты. - Арстан сени кандай жакшы көрчү эле, жамандык-жакшылыгыңа тең орток болуп, ар дайым камыңды көрүп келген. Сенин бул эмне дегениң же кыйналдым-кысталдым деп мен айттымбы? Мунуңду уулу укпасын, ансыз да кандай айла кылаарын билбей зорго жүрөт. Рахмат келгениңе, менин жумушум бар, кош, - деп туруп кетти.

- Кенже, кечир мени, капыстан сүйлөп алдым, осол болуп калды окшойт, - деген Иса туруп эшикти көздөй басып баратып, Кенжени бир карап алды. Ал артын карабастан, Исанын сөзүнө кулак салбастан түз эле Арстандын үстүнө кирди. Таштай муздак колун кармалап, "Байкушум, ушул күндө калмак белең, кандай ооруга чалдыктың деги, айыгаар дарың табылып, дос-душмандын алдында жүзүңдү кубанычка бөлөп, аман-эсен жүрөөр бекенсиң?", - деп ыйлап жанында отурду. Актан келип апасынын ыйлап отурганын көрүп, кайра акырын чыгып кетти. "Эмнеге ыйлап жатат, жанын кыйнап нервин коротуп эмне кылат? Өз жазасын өзү тартсын, аялынын барын билбей кутуруп жүрүп, ушул абалга түшкөнүн билбей кейип жатасың го, апакем ай", - деп апасын аяй өз бөлмөсүнө кирип жатып алды.

- Эже, кечки тамак даяр, - деген Зияштын үнүн укканда Кенже:

- Азыр, - деп көз жашын аарчып өйдө болду. Эч нерседен капарсыз былк этпей жаткан Арстанга эңкейип, - Арстан, эмне ичесиң, тамак алып келейинби? - деди, ал башын чайкап койду. - Чай ичесиңби? - Ал чай ичесиңби дегенде баш ийкеп койду эле шашыла чыгып, чай апкелип ичирди, - Тамак ичсең боло?

- Апа, кандай, атам жакшыбы? - Актан кирип, атасын карап койду.

- Баягыдай эле…

- Доктор келбей калдыбы?

- Келгенде-келбегенде эмне, балам, шордуунун шору кыйнап жатпайбы, дартына дабаа табылбаган кандай ооруга чалдыкканын билбейм. - Оор улутуна бөлмөдөн чыга жөнөдү. - Жүрү, балам, тамактаналы.

- Кардым ток, апа, эми куранды качан окутабыз?

- Баягы күнү атаңдын абалы оор болуп калбадыбы. Эртең өзүң барып базардан кой алып кел, коңшу-колоңду чакырып куран окутуп койолу, мечиттен молдо алып кел.

- Макул, апа, мен кеттим.

- Сен бул үйгө турбай калдың го?

- Жумуштарым бар, апа. - Актан кетип баратып кайра бурулду. - Баса, апа, мен ишке орношо турган болдум.

- Жакшы болгон тура, иштешиң керек, балам, куттуктайм!

- Рахмат, мен кеттим, - деп чыгып кетти.

- Садагам, менин үмүт-тилегим жалгыз гана сенсиң, каралдым, - деп кубанып креслого отурду. "Тамак ичип чыкканда болбойт эле", - деп ойлуу отурганда Зияш тамактарды алып келип үстөлгө койду. - Тамагыңыз таттуу болсун!

- Рахмат, өзүң отурбайсыңбы?

- Мен анан ичем, эже.

- Умар уктадыбы?

- Ооба, кардын тойгузуп, уктатып койдум.

- Жакшы кылыпсың, - деген Кенже тамагына карады. "Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк деген ушул экен да, аны менен бирге кыйналган жокпуз", - деп үшкүрүнүп жакшылап тамактана албады, ойлуу кашык менен ашын сапырып көпкө отурду. Бул кезде үйүнө кетип бараткан Актан чоң жолдон бурулгандан кийин көп узабай эле Жазираны көрүп токтоп калды:

- Шашылыш эмессизби?

- Аа-а, сизби? Жай элемин.

- Отуруңуз.

- Рахмат, - деп Жазира арткы орунга отурду. - Жумуштан келе жатасызбы?

- Жок, мен бекерчимин дебедимби? - Күлүп койду. - Ишиңиз кандай?

- Жакшы.

- Акыйкатчылык менен чечип жатасызбы?

- Аракеттенип жатам.

- Азамат, эгер иштеп калсам тажрыйба алмашабыз го?

- Эмне, сиз дагы жактоочусузбу?

- Болсомбу деген ой бар.

- Жакшы, иштешебиз…

- Мен кыздарды жакшы көрбөйм.

- Эмнеге, кыздардан көңүлүңүз калганбы?

- Ошондой го?

- Мунуңуз жаман, келип калдык, карызыңызды кайтарайын, - деп кыз сумкасын ачмак болгондо:

- Эмдиги жылы ушул убакка чейин эсептешебиз, - деди тамашалай. Жазира түшүп калгандан кийин машинесин унаа токтоочу жайга коюп, үйүнө кирди. "Жакшы кыз экен", - деп койду өзүнчө жылмайып. Анан альбомун ачып карап, уулу менен түшкөн сүрөттөрүн көрүп отуруп: "Айза-ат, неге мени туңгуюкка камап кеттиң? Атамды болсо тирүү өлүк кылып салдың, киши колдуу болуп өлгөндөр шейит болуп калат деген чын экен. Сен мени угуп жатсаң кечирчи атамды, мен сага нааразы эмесмин. Апам сени жакшы көрчү эле го, ага боор ооруп койчу, атамды кыйнабачы", - деп ойлонуп жүрөгү эзиле ыйлап отурганда эшик тыкылдап калды. Шашыла көз жашын сүртө эшикти ачса Жазира туруптур:

- Сенби?

- Ооба, өзүңүз конокко чакырбаган соң өзүм келдим.

- Сулуу кыздарга жакпай каламбы деп корком.

- Анда эмне бар, жакындан таанышкым келди.

- Жакшы, мен оюңузга кошулам, - деп орун көрсөттү. - Отуруңуз.

- Рахмат.

- Жалгыз эркек нан ооз тийгизе албайт, Жазира, эгерде каршы болбосоң сыртка чыгып бир жерден тамактанбайлыбы? - Актан дагы бирдеме болуп кетеби деп чочулай кызга карады.

- Макул.

- Жүрү анда, - Экөө ээрчише кафеге киришти. - Тандаңыз, - деди Актан ага менюну жылдырып. - Менин эмнени кааларымды биердегилер билишет.

- Беш бармак, - деди Жазира жылмая.

- Ох-хо, сен дагы мен сүйгөн тамакты жакшы көрөт экенсиң.

- Ыраспы?

- Ооба, мен бул жердин беш бармагын жакшы көрөм.

- Мен дагы, үйдөгүлөр жасап калса кубанып кетем.

- Өзүң жасабайсыңбы?

- Жумушум көп, эрте кетип, кеч келем, өз максатымды ишке ашырыш үчүн талыкпай иштешим керек.

- Жакшы оюң бар экен, мен дагы ошондой деп ойлойм, Жазира, шарап ичелиби?

- Жо-ок, ичип көргөн эмесмин.

- Макул анда, карынды кампайталы ээ? - деп алдыга келген тамактан алышты. Бир азга тынчтыктан улам ичилген аштын үнү гана угулуп турду. Кафеден чыгып, кайра кабат үйдү көздөй келатканда Актан караңгы жерге токтоду. - Жазира, ата-энең менен турасыңбы?

- Жо-ок, ага-жеңем менен.

- Ата-энең барбы?

- Бар, алар Беловодскиде жашашат.

- Аа-а.

- Эмнеге сурадыңыз?

- Ала качсам тез алып кетип калабы деп коркуп жатам.

- Койсоңузчу, ала качкан заман өтпөдүбү?

- А мен ала качып эле алам, - Актан күлүп койду.

- Жакшы оюңуз бар экен, үйдөгүлөр сотко берсе мен жактап берем.

- Чын элеби?

- Ырас айтам.

- Анда коркпой ала кача берсем болот экен да?

- Аракетиңизге баракелде.

- Эмне, мен сизге жакпаймбы?

- Жагасыз, - Эми Жазира күлдү.

- Анда сүйлөштүк, - деп Актан унаасын ордунан жылдырды. - Эми сизди ойлоп уйкудан калам го?

- Эмнеге?

- Жактырып калбадымбы?

- Рахмат жактырганыңызга, бир жигитке жакпай бойдок өтөмбү деп жүрдүм эле.

- Канчадасыз?

- Жыйырма төрттө.

- Картайып калыпсыз.

- Туура айтасыз, сизге рахмат, мен эми үйгө барайын, жалган шылтоо менен үйдөн чыктым эле, билгизбей барып калайын.

- Ал жагынан опуттуу окшойсуз?

- Кай жагынан?

- Алдаган жагынан.

- Кээде болот.

- Жалгыз жашаган бойдоктун жашоосу кызыктырса керек?

- Ошондой, жакшы калыңыз.

- Жакшы жатып эрте туруңуз, анткени эртең мен эрте кетем, жолубуз бириксе ала кетейин.

- Эртең бошмун.

- Өкүнүчтүү, - деп кетип бараткан кыздын артынан көпкө карап турду. Анан машинесин токтотуп үйгө кирип жарыкты күйгүздү да, жатып алды. Ошол кезде кайрадан эшик кагылды. "Жазира келдиби? - деп ача койсо Эрнис экен.

- Кандай, дос?

- Жакшы, кайдан жүрөсүң?

- Жана келсем жок экенсиң, мен үйлөнгөнү жатам.

- Асягабы?

- Ой, жо-ок, аны менен мындай эле жүрөм да, бир кыз бар…

- Жактырып калдыңбы?

- Ооба, сыртынан көрүп эле ашык болуп калдым, ала качам.

- Кайда ал кыз?

- Ушул жерде жашайт.

- Эмне?

- Ушул кабат үйлөрдө жашайт экен, көрүп калып жолуга албай жүрөм, - деп Эрнис башын жерге салды. - Сенин машинең менен ала качсакпы дегем.

- Кыз макулбу?

- Ээй, до-ос, кыздар макулмун деп айта коймок беле?

- Ошентсе дагы жолугуп сүйлөш, макулдашып, анан кел!

- Оюнуңбу же чыныңбы?

- Ала качканың болбойт.

- Эмнеге? - Каштарын жыйра карады.

- Кетип калса эмне кыласың?

- Кетпейт, ыйлап-ыйлап отуруп калат да.

- Ким айтты?

- Апамдар.

- Өзүң бил, мен бара албайм.

- Макул, - деп Эрнис чыгып кетти. "Айбан десе, кимди ала качканы жатат, Жазираныбы, балким башка кыз чыгаар", - деп кыжаалат боло бөлмөдө көпкө басып жүрдү. Анан кийимчен жатып уктап кетти. Эртеси эрте туруп үйүнө барса, Кенже боорсок жасатып жатыптыр. Шашыла акча алып мал базарга жөнөдү, ылайыктап союш алды да, келип коңшусуна сойдурду. Актан кой сойгонду билчү эмес. Түштөн кийин мечиттен үч молдо чакырып келди. Анан "Албан кызы Айзаттын сообуна тийсин", - деп куран окутуп, молдолорго эт-боорсоктон мол салып беришти. Ал күнү Актан ошол жерде калды. Умарды баягыдай жакшы көрбөй калган, ал дагы анча жакын эмес, керээлден кечке балдар менен ойноп, кечинде Кенженин жанына жатат. Актан Жазираны көп ойлоочу болду. "Ал мени жактырабы, балким жигити бардыр, жо-ок жигити болсо үйгө эмнеге келди экен? Балким менин жашоомо кызыккандыр, эмнеси болсо дагы эмки жолукканда сөзсүз билем", - деп ойлонуп жатып калды. Кенже чынында кыйналды, түнкүсүн жалгыз кесел эрин горошокко отургуза албайт, денеси сал таштай оор болуп калган. "Өлөөр киши оорлоп калат дечи эле, кудай сактай көр", - деп ойлоп кетет. Анткен менен андан сууп да, тажап да бараткан. Ыргал келип көп күндөп жүргөн менен ал кайдан жардам берет. Ичтен сыздап келинине боору ооруп кетет, бирок эмне кыла алат. Бир күнү жөн эле туруп, Кенже ысытмалап ооруп калды. Актан анын ооруганын көрүп:

- Ооруканага жатып дарыланчы, апа, - деди эле ал болбоду.

- Атаңды ким карайт, балам, мен жакшы болуп кетем, сууктап калсам керек.

- Атаң эмне болот деп, сен ооруп калсаң деле карашат да. Өзүңдү карасаң, апа, ансыз да оорулууну багып жатып ооруп калдың, мен карайын, сен ооруканага жат.

- Үйгө эле врач чакыр, балам, укол алсам бат эле кайтып кетет, - деп чыдай албай жатканда Ыргал Актанга кайрылды:

- Актан, акеңди чакыр, балам, Кенже чын эле кыйналды, Үрүстөм карап турсун, мен дагы жанында болом.

- Апа, аларды убара кылбай эле коюңузчу, - Кенже онтолой үн катты.

- Ошонун убарасы барбы, балам, Арстаным арстандай бала эле. Оорунун кордугун тартып калды го, сага ыраазымын, айланайын. Кантсе да балапан курагыңда баш кошконуң эмеспи, түңүлбөй багып жатасың, өзүңө кудай кубат берсин, садага, - деп сүйлөп жатып ыйлап жиберди эне. Актан телефон чалып, сүйлөшүп кайра келди:

- Агам келе турган болду.

- Келсин, балам, сен Кенжени ооруканага алып барып жакшылап көрсөт, - деди чоң энеси Актанды бетинен өөп. Кенже таптакыр болбой койду, үйгө врач чакыртып укол-дарыны жаздырып алып үйдөн алып жаткан. Бирок өйдө боло албай ооруканага барууга туура келди. Актан апасын аябай жакшы көрчү, эки маал барып кабар алып, врачтар менен сүйлөшөт. Кенже көп ойлонгондон ооруп калганын врачтар айтканда атасын ого бетер жек көрүп кетип жатты. Абалы оор болуп ооруканада ордунан турбай бир айдай жатты, анан аздап сакая баштады. Анын ооруканада экенин угуп, ата-энеси да келди. Апасы ыйлап-сыктап жанында болуп качан жакшы болгондо гана кетти. Ошентип Кенже эки айдан ашып калганда ооруканадан чыкты. Ал чыккандан кийин куда-кудагыйлар чогулуп түлөө өткөрүштү. Арстан болсо баягысынан жазбады, бир калыпта гана жата берет, мурда аздан тамак ичип турса, эми кекиртегинен чайдан башка эчтеме өтпөй калган. Ичкиси келбей баш чайкаганына болбой зордоп жатып ичиришет. Арстандын көзү көрбөй, буту-колу кыймылдабаганы менен кулагы угуп, баарын түшүнүп эле турат. Ар бир көргөнү келгендердин сөзүн уккан сайын жүрөгү ийне менен сайгандай тыз-тыз этип кыйноодо болду. Айрыкча Кенженин ооруп калганын билгенде: "Жараткан, жашоомду бүт өзүм талкалап алдым, алаар болсоң жанымды ал, аялым менен балама зыян кыла көрбө", - деп көөдөнүндө шыбырап кудайга жалынды. Арадан билинбей үч ай өткөндө Актан Эрниске жолугуп калды. Ал Жазираны ала качып барып, бирок кыз отурбай баса берген эле. Актан ата-энесинин кайгысын тартып жүрүп, андан кабарсыз болчу.

- Актан, кандайсың? - деди аны көрүп эле.

- Жакшы, кандай, өзүң үйлөндүңбү?

- Жо-ок, сен айткан туура болуп чыкты, ал кыз жактоочу болуп иштейт экен, ата-энеси шишкардан тура, алып барган күнү эле отургузбай алып кетип калды.

- Сен Жазираны алып качтың беле? - Эрнисти таңгала карады Актан.

- Ооба, сен аны кайдан тааныйсың?

- Эмнеге тааныбайм, жакшы тааныйм, аны ала качаарыңды билгенде мен тоскоол болмокмун.

- Эмнеге?

- Биз жакшыбыз, мамилебиз дагы бар болчу.

- Сен өзү кыз болсо эле тартып алмайың бар, балким сен үчүн отурбай койгондур? - деп Эрнис кызганычтан кызарып-татарып кетти.

- Жөнү жок кызганганда эмне, биздин сөзүбүз тааныштардай эле, ортодо сүйүү-күйүү же үйлөнүү деген ой жок, жөн гана таанышпыз.

- Сен көп кыздар менен жүрөсүң, туруксуздугуңда чек жок, чынында Жазирага тең эмессиң, - деп Актан үйүн көздөй басты.

- Сенин мага мындай баа берээриңди билбепмин. - Эрнис Актанга кыжыры келе карады. - Досум деп жүрсө…

- Аялдарга бирге барган достук эмес, достор сыйлуу, бири-бирине кыйынчылыкта жардам берген адамдар болушу абзел, чынында сен дос дегенге татыбайсың, - деп Актан артын карабай кирип кетти. Эрнис бир кызарып, бир бозоруп кала берди. "Ырас эле мен достукка татыбаймбы, көп эле дос күттүм бирок баарынан алыстап калдым. Актанды эң акыркы досум деп жүрбөдүм беле, мен чындап акылсыз окшойм, кой мен Актандан ажырабашым керек", - деп досунун артынан чуркап кирди.

- Актан, мен сени досум деп жүргөмүн, а сен дос катары карабайт экенсиң да. Мен сенден айрылгым келбейт, кел экөөбүз бири-бирибизге кара санабайбыз деп антташабыз, - деди колун суна.

- Кандай себеп менен?

- Мен мындан ары сен тартканды бирге тартам, кыйынчылыкта жаныңда болом, а сен мени колдоп турасың, бир туугандай болобуз.

- Ал үчүн сени байкап көрүшүм керек, кыз же келин көрсөң дароо төшөккө сүйрөгөнүң адепсиздик.

- Болуптур, мындан ары андай болбойт! - деди сунган колун тартпай жылмая карап. - Достукка достой жооп берем.

- Тишиң тилиңе күбө, - деп Актан дагы кол берди. - Мен өзү жалгыз бала экенимди билесиң, атам оорукчан болуп калды, үйлөнүүгө болбой турат. Ушундайда мага чынында жакшы адам керек, мага нан же акча таап берүү үчүн эмес, көңүлүм чөккөндө жөлөк болчу адам…

- Кечир, досум, чынында угуп, билип турсам да бир жолу атаңды барып көрүүнү ойлобопмун. Ата-энем деле аңкоосуң деп көп айтышат, көрсө мен жеңил оокатка көнүп, ойноп-күлүүнү гана көздөйт экенмин, - Эрнис жер карап туруп калды. Актан дагы үндөбөдү, ошол убакта эшик ачылып, Мадина башбакты.

- Салам!

- Кел, Мадина.

- Жакшы турасыңбы, Актан?

- Жакшы.

- Мен тынчыңарды алган жокмунбу? - Экөөнө жал-жал карады.

- Жок-жок, келгениң жакшы болду, Мадина.

- Анда жакшы-ы, - Мадина адегенде өзү билгендей эле ашканага кирип, колун жууп чыкты да, алып келгендерин үстөлгө жайып, - Куран окуп койолу, - деди Актанды карап. Эрнис таңдана бир Актанды, бир Мадинаны карап унчукпай отура кетти.

- Сөзсүз да, - деп Актан да отураары менен Мадина оозун кыбырата куран окуп кирди. Көпкө чейин көзүн жумуп алып окуп, анан: "Албан кызы Айзаттын сообуна багышталды", - деп алакан жая бата кылды. - Актан, куранды өзүң окушуң керек, үйүңдү ыплас кылбай жети жолу куран окуп, шам жагышың керек, ошондо гана сенин жолуң ачылат.

- Рахмат, Мадина, бирок сага бир суроо берсем болобу?

- Бере бер.

- Азыр күйөөң бар, андан жашырынып бир эркекке жолугуш үчүн келгениң күнөө эмеспи?

- Биринчиден сени менен мурда да, эми да жаман жолго барган жокпуз, бири-бирине жакындан жардам берүү, билбегенин билдирип коюу күнөө эмес. Экинчиден өткөндө айтпай келсем азыр ачык айтып келдим, - деп күлүп койду. - Кана нанга карагыла.

- Рахмат, Мадина, мен байкоостон сенден айрылып калдым, бирок тагдыр ушундай болсо керек? - деди Актан андан көзүн албай. - Алдагы хиджаб кийимдериң сага абдан жарашат экен.

- Кеп кийимдин жарашканында эмес. Жүрөгүң менен кудайга берилип, ички дүйнөң, бүт тулкуң менен Алланын алдында кызмат кылуу ар бир пенденин парзы деп ойлойм. Бирок биздин жаштардын чет элдиктерди туурап абалтан келе жаткан ата-бабанын үрп-адатын, каада-салтын, бардык жагынан алмаштырып баратат. Мен деле кеч түшүндүм, биз муну бири-бирибизден угуп, Аллага кызмат кылууну үйрөнүшүбүз керек.

- Туура айтасың, куран окуткандан бери тынчмын, Мадина.

- Ошондой болуш керек эле, эми бир милдетиң бар, сен үч күн, же жети күн жакшы билген көзү ачыкты түнөтүп шам жагышың керек.

- Кайда?

- Үйүңө.

- Ата-энем турган үйгө жаксам болобу?

- Сөзсүз болот, Айзаттын баскан-турган жерине жаксаң дурус болот эле…

- Анда ал бул үйдү билчү эмес, - деп экөө сүйлөшүп жатты. Эрнис экөөнүн оозун тиктеп отура берди, эмнеге антип жатышканына түшүнгөн да жок. Мадинаны күйөөгө тийгенин угуп андан бетер таңгалды. Экөөндө бир сыр бар, соо эмес деп ойлочу Эрнис. Бирок Актан Эрнистин көзүнчө эч кыз-келин менен болгон эмес, сүйлөшүп гана отура берчү. Кээде ал ичинен Актанды кызтекеби деп да ойлоп кетчү. Көрсө, өзү кыздар менен маданияттуу сүйлөшкөндү билчү эмес тура. Ичинен уялып жатты. Бир кезде Мадина ордунан туруп:

- Актан, ишиңе ийгилик, жашооңдо жакшылык болуп кетсин, ылайым тилегиңе жет, мен сага жакшылык каалайм. Эми дагы бир жолу келем, андан кийин келе албайм, кош болгула көрүшкөнчө, - деп шашыла чыгып кетти.

- Жакшы бар, - Актан узатып койойун деп обдулгуча Мадина тез-тез басып кетип калды.

- Актан, Мадина күйөөгө тийип алды беле?

- Ооба.

- Кызык.

- Эмнеси кызык?

- Күйөөгө тийип алса дагы сага келгени…

- Ал сен ойлогондой төшөктү, кумарды ойлоп келгени жок, көп сөздү коюп нандан ал, газга чай койчу, ичели.

- Ма-кул. - Эрнис дурус жооп ала албай ашканага кирип чай коюп кайра келди. - Демек, Мадина күйөөгө тийип кетти дечи?

- Жакшы адам жерде калбайт!

- Туура…

- Ася менен дагы эле жүрүп жатасыңбы?

- Жок, мен башка аял алам дегенде таарынып кеткен, ошол бойдон кабарлаша элекпиз.

- Адам болуш үчүн адамча мамиледен тайбаш керек, адам бир жаралат, бир өлөт, Эрнис. Ошондуктан жакшы жүрсөң алкыш аласың, жаман жүрсөң каргыш аласың, жашоонун кызыгын көрөөрдө азаптанган, кор болгон кандай жаман? - деди ойлуу атасын көз алдына келтирип. Анын аянычтуу өмүрү, үч-төрт жылдан берки жылбай жатканы зээнин кейитип турган эле… Эрнис унчуккан жок, анын үй-бүлөсү орто жашачу, апасы базарда иштейт, кечке базарда, атасы жумушсуз үйдө. Үч кыз, бир уул болгондуктан, Эрниске каалаганын берип, каалагандай ою менен болуша турган. Илгертен жашап келе жаткан эки бөлмөлүү үйүндө турушат. Актан экөөнүн айырмасы таптакыр башка эле. Жалгыз эки бөлмөлүү, бардык шарты бар үйдө турат, ата-энесинин заңгыраган эки кабат үйү бар. Ошондуктан Эрнис ушул жолу унчуга алган жок. Өзү мектепти эптеп бүтүргөн. Актан болсо юридикалык окуу жайын бүтүп иштебей жүрөт, качан иштейм десе диплому бар.

- Актан, мен барайын, - деп ордунан турду Эрнис.

- Бара бер, - деп койду Актан. Эрнис чыгып баратып Жазира менен беттеше түштү, экөө бири-бирин карап, бир азга туруп калышты.

- Мындай тур, киргизесиңби мени? - деди Жазира ага алая карап.

- Сен…

- Ооба, тоспо жолумду!

- Болуптур, - деп Эрнис кызга жол бошотту да, артынан өзү кошо кирди.

- Кел, Жазира, шашылыш иш барбы? - Актан ордунан турбай суроо узатты. - Отур…

- Кандайсың?

- Баары жакшы, - Актан Эрниске карады. - Сен кеткен жоксуңбу?

- Жок…

- Өзүң бил. Жазира, иштериң кандай?

- Жакшы, сиз көрүнбөй кеттиңиз…

- Жумуштар көп.

- Ылайыксыз учурда келип алган окшойм?

- Жо-ок, келгениң жакшы болду, бир жакка барып тамактаналычы, - деди ордунан туруп. - Сен биз менен барасыңбы? - Эрниске карады. - Эрнис, унутуп кеткен турбаймынбы, бул Жазира. Ленин райондук сотто жактоочу болуп иш баштаган Баймуратова Жазира, таанышып кой, а бул менин классташым Эрнис, - деп эчтеке билбегендей экөөнө карады.

- Жакшы, классташыңыз менен жакшы таанышмын. - Жазира күлүп койду.

- Ооба, биз таанышпыз. - Эрнис кызара жооп кылды.

- Жакшы экен, кеттик анда, - деп алардан жооп күтпөй эле Актан сыртка чыгып жөнөдү. Берки экөө бири-бирин жаман көздөрү менен карай Актандын артынан чыкты. Ал эшигин жаап коюп, машинесине Жазира менен Эрнисти салып, кафеге айдады. Тамак заказ бергенден кийин Жазирага кайрылды:

- Иштериң кандай, Жазира?

- Баары жакшы.

- Жакшы болсо болду, ала качуу жөнүндө кандай оюң бар экенин сураганым эсиңдеби, мен сага эскерткем, убакыт келди деп ойлойм, - деп Актан Жазираны сынай караганда Эрнис отуралбай тынчы кетип, колдорун ушаланып өзүнчө: "Менин ала качам дегенимди айткан экен го", - деп жини келгени менен унчуга албады.

- Сиз айткан менен башка бирөө ала качканы жаман болду, эгерде сиз болгонуңузда отуруп калууга даяр элем.

- Кандай дедиң, кимдир бирөө ала качтыбы? - Актан аны эч нерсе билбегендей суроолуу карап туруп калды.

- Ооба, өкүнүчтүү, сизди мени тамашалап жатат го деп ойлогом, бирок андан бир жумадан кийин бирөө ала качып…

- Келе бердиңби анан?

- Ооба, мен аны мурда көргөн эмесмин, көңүлүмө да жаккан жок, - Жазира күлүмсүрөй Актанды сырдуу карап, - Эми мен ал жигит сиздин классташыңыз экенин көрүп таңгалып отурам, - деди.

- Ыраспы?

- Ырас айтам, мен бул жигитти анда бир көрдүм эле, эми экинчи жолу көрүп турам, - деди Эрнисти карай.

- Чынбы, Жазира, салт боюнча калышың керек эле, босого аттап чыккан кыз кайра күйөөгө чыгышы кыйын экенин уккан эмес белең?

- Эмне дейсиз? - Жазира кызара Актанды карады.

- Ошондой, чоң кыз, менин классташымды чанганың болбоптур…

- Сиздин оюңузча бешенем ушул экен деп отуруп калышым керек беле?

- Илгертен кыздар ошентип эле күйөөгө чыгышкан.

- Сиз таптакыр кыздарды басмырлап жатасыз.

- Бул басмырлоо эмес, ата-бабадан келе жаткан гана салт.

- Түшүнсөм буйрубасын, мен башканы сүйөм, жакшы көрөм, анан кантип көңүлүмө жакпаган адам менен жашоого бел байлашым керек? - Жазира Актанды ызалуу карады.

- Сүйүү деген болбогон сөз, айтыла берчү жомок, адамды алга карай бакытка үндөгөн белгисиз сезим, - деп Актан экөөнө эчтеке болбогондой күлө карады. - Кана эмесе тамактаналы.

- Актан, мен кете берейин, - деп Эрнис алдындагы тамакты ары жылдырды да, туруп кетти. Актан унчуккан жок. Эрнис кызыктай абалда калды. Актандын сөздөрүнө түшүнбөдү. "Ал чындап эле мага жан тартып жатабы же экөөлөп маскаралап жатышабы?", - деп кафеден чыгып, бир азга туруп кетип калды. Жазира көпкө чейин үнсүз отуруп, анан:

- Классташыңызга отуруп калышымды кааладыңыз беле? - деди.

- Кааламак турсун билген эмесмин.

- Кызык аерде болгон жоксузбу?

- Ооба, иштерим чыгып калган.

- Аа-а, - деп унчукпай калды Жазира.

- Тамак муздап калды, Жазира.

- Ийи. - Экөө жай тамактанып алып, кафеден чыгыишты. Паркка барып отургучта сүйлөшүп отурушту, бак аралап сейил курушту. Ар кайсыны айтып, күлүп-жайнап кечке бирге болушту. Жазира Актандан бир сөз күткөндөй аны улам уурдана карап койот. "Ушунчалык бекем жан экен да же сүйүүдөн, кыздардан көңүлү калган немеби. Таптакыр мерез, мээрими жок, катуу, мүнөзү муздак адам дейин десем, андай деле эмес. Жапжаш туруп бир жолу дагы көңүл бөлүп койбогону кызык", - деп ойлуу отурганда Актан ага карады:

- Кетсек кантет?

- Макул, көңүлдүү болду, - деп жайдарылана өйдө турду.

- Ырас эле көңүлдүү болдубу?

- Ооба, абдан жакшы болду.

- Мен сени зеригип кеттиби деп ойлогом.

- Эмнеге?

- Мен кыздардын көңүлүн таба албайм, кооз сүйлөп күлдүрө албайм.

- Мага сиз менен жүрүүнүн өзү көңүлдүү, - деп жалжылдай караганда Актан андан көзүн ала качып кетти, ал ушул көздөргө арбалып калып, теңтушу Эрнистин көңүлүн оорутуп аламбы деп турган.

- Чын элеби?

- Калп айтуу хоббим эмес.

- Эң сонун, калп айтканды мен өзүм дагы жактырбайм.

- Кетелиби эми?

- Кеттик, - деген Жазираны көз кыйыгы менен карай чоң жолдогу унаалар токтоочу жайда турган унаасын айдап чоң жол менен зымырай кетип баратышты. Эч кимиси сүйлөгөн жок. Эрнис айласын таппай Актандын үйүнүн тегерегин акмалап, кечке жүрдү. Кечке маал анын машинасын көрүп жашына калды. Жазира менен Актан унаадан түшүп, катар басып бир нерселерди сүйлөшүп туруп, анан экиге бөлүнүштү. Эрнис эмне кылаарын билбей Жазира өз үйүн көздөй кеткенде артына бурулду. Шектүү эч нерсе байкай албай кыжаалат болуп кетип калды. Актан ал күнү үйүндө калып, эртеси апасы менен кеңешмек болду. Жатып алып да көпкө уктай албай Жазираны ойлоду. "Жакшы кыз, көңүлүнө жакпаса күйөөнү эмне кылмак, туура кылган. Эрнис ага татыктуу күйөө боло алмак эмес", - деп көзүн жумду. Кыздын кирсиз таза жан дүйнөсүн, муңайым көз карашын көз алдына келтирип жатып, уктап кетти. Эртеси эрте келсе Кенже эбак туруп, креслодо ойлуу отуруптур.

- Апа, кандай? - деп эки бетинен өөп жанына отурду.

- Жакшы, уулум, бирдеме ичесиңби?

- Ооба, эчтеме иче элекмин.

- Отура гой, балам, - Кенже жанына отурган уулун мээримин төгө карады.

- Апа.

- Ийи.

- Апа, атамды көзү ачыктарга көрсөтүп көрбөйсүзбү?

- Билбейм, уулум, бир натыйжа чыгаар бекен? - Кенже Актанды ойлуу карап, - Сен мындайды көңүлүңө алчу эмес элең, сага бирөө үйрөткөн жокпу? - деди сынай.

- Койчу, апа, кыргыз баласы болуп туруп, ырым-жырымды түшүнбөй, билбей койгонум болбойт го? - деди Актан каадалуу кишиче.

- Сенин оюңча эмне кылсак дейсиң?

- Жакшы көзү ачыкты үйгө алып келип, шам жактырсакпы дегем.

- Ошентсе ошентели анда, мейли бүгүн бирөөнү алып келейин, бүгүн күнгө кайсы?..

- Бейшемби.

- Анда жакшы, дал ушул күнү жакшы деп уктум эле, - деп Зияш алып келген эртең мененки тамакты ичип алып, - Атаңа киресиңби? - деп сурады Актандан.

- Ооба, чоң энем кеттиби?

- Жок, ал эжеңдикине кетти, келип калат.

- Макул анда, мен барып атамдын жанында болом.

- Мен кеттим, - деп Кенже Зияшка карады. - Сен жети токоч жасап кой, мен тез эле келем.

- Макул, - деген Зияшты карап күлө чыгып кетти. Ал мурда бир-эки жолу барган табып аялга барды. Ал ордунда экен, сүйлөшүп туруп, аны такси менен алып келе калды. Анипа үйгө киргенде эле башы айланып өзүн жаман сезди. Анысын билгизбей отургучка отурду. Алдына койгон чайдан бир чыны ичип эле:

- Ишке киришели, өтө ысырап болуп кеткен экен, бул үйдү абдан тазалаш керек, кызматта иштеген бирөө барбы? - деп сурады.

- Ооба, ал азыр төшөктө, көрөсүзбү аны?

- Мени алып барыңыз, - деди. Кенже аны ээрчитип үстүңкү кабаттагы Арстандын бөлмөсүнө алпарды,

- Төрт жылдан бери ушул…

- Бечара, - деп койду Анипа. - Адамдар убагында баарын оюңарга албайсыңар, качан гана жетиккенде кайрыласыңар, - деди да, даарат алып келди. Өзү ала жүргөн чийдин баштарына пахта ороп, күйгүзүп алып көзүн жумуп, көпкө окуду. - Уулум, сен дагы менин жаныма отурчу, - деди анан Актанга карап. Ал унчукпай аялдын жанына отуруп калды, кайрадан бир топко чейин оозун кыбыратып окуп жатып, бир маалда Кенжеге кайрылды, - Күйөөңүз менен мамилеңер жакшы беле? Ошол убакта Арстандын көзүнүн жашы жаздыкка куюлуп жатты.

- Ооба, - Кенже таңгала жооп берди.

- Бул киши менен баланын ортосунда бир аял турат, ал эбак өлгөн, күйөөңүзгө ошонун каргышы тийген. Кесири балага дагы кара көлөкө түшүрүп турат. Күйөөңүз оңолуштан калган, эртерээк көргөнүмдө арбактардын жолун тороого болот эле, кечигип калыпсыңар, - деп шамдарды карады. - Бул шамдар сүйлөп жатат, эми баланын жолун тазалоого болот деди.

- Экөөнүн ортосунда бир аял турат дейсизби?

- Экөө бир аял менен болгон, аялды күйөөңүз өлтүргөн, айыбым ачылып калат деген, ал эми анын арбагы өчөшүп калган, - деди ойлуу. - Мен ачык айтпасам болбойт.

- Ушундай де… - Кенже турган жеринде селдейип колдору калчылдап, мууну титиреп көзү караңгылап, жыгылып баратты. Аны байкай койгон Актан ыргып туруп кармап калды:

- Апа, өзүңдү кармачы, эмне болуп кетти? - деп диванга жаткырып эки бетине акырын чапкылады. - Эсиңе келчи, апа!

- Эчтеке эмес, мындайда тынч кой, аял киши ушундай алсыз келет. Эми мындан башка алты жолу шам жагыш керек, сен өзүңө тоскоолдук жасаганын сездиңби? - деди Актанга.

- Мен адегенде өлгөнүн уккан эмесмин, кадимкидей эле жолугуп жүрдү, бирок аны менен аял-күйөөсүндөй мамилеге барган жокпуз, түш көргөндөй эле болдум, - Актан болгонун айтып берди.

- Сени аял алдырбаганга аракет кылат, анын жолун тороп, сага тумар чийип, жакшылап дем салып берем, сен эч нерсе билген эмессиң, ошондуктан сага анча катылган жок, - деди Анипа. Көптөн кийин гана Кенже эсине келди, башын мыкчый Актанды карап:

- Сен чыга турчу, балам, - деди капалуу.

- Макул, - деген Актан ылдый түшүп кетти.

- Менин келиним менен мунун мурда байланышы болгонбу?

- Ошондой, бирок ал келин дагы, уулуңуз дагы эч нерсе билген эмес.

- Акмак, ушундай акмакчылыкка кантип барды, жүзү кара! - деп ыйлап отурганда Анипа анын маңдайына келип:

- Бул күтүлбөгөн окуя, бирок келип жазмыш десек болот, келинди мыкаачылык менен өлтүрткөндүктөн, жаны нааразы болуп калган. Адамдын жаны учуп кеткен кезде дене жансыз болот, өлгөндөр шейитке айланат дегенди уктуңуз беле? Бул келин киши колдуу болгону үчүн шейит болуп калган, кейигенди коюпу уулуңуздун келечегин ойлошуңуз керек. Эми ал уулуңузду аял алдырбаганга тырышып көп катылат…

- Кандай кылыш керек анда?

- Жолдору көп, жети күн, жети түн катары менен шам жагып, келиниңиздин арбагына багыштап куран окуп, акырында аны кайрылып келбегендей кылып тазалайм, - деди Анипа. Андан кийин керектүүлөрдү даярдатып, экинчи кабаттагы бир бош бөлмөгө орношуп алып, куран окуп жатты. Жетинчи күнү бир улак сойдуруп, элге бекер тараттырды. Кызыгы аны үйдүн жанына сойдурбай талаага сойдурду да, куран окуган соң бөлүп-бөлүп пакетке салып, жолдон өткөн адамдарга берип жатты. Кеч киргенде келди Актан. Негедир ошол күнү Арстандын колдору кыймылга келди, көзү бүлбүл көрүп, караан ээрчиген наристедей жанында отургандарды карап бурулуп жатты. Аны байкаган Кенже маңдайына келип:

- Бул оору сага эң туура жаза болгон экен, жүзү каралыгыңды ошол убакта билсем эмне, өз колум менен жарып салмакмын, - деп ыйлап турду, ачуусунун келгенин түйүлгөн муштумдарынан байкоого болоор эле... - Азыр сен бечарасың, байкушсуң, ошондуктан алсыздан өч ала албайм, жалгыз уулумдун бактысын кестиң, тиги дүйнөгө да таза барсаң болбойт беле? - деп ыйлай берди. Арстан манжаларын улам кыймылдатып, көз жашы жаздыкка куюла оозу эмшеңдеп жатты, бирок эмне дегенин түшүнүүгө болбойт. Пенде чыдап тургус көрүнүштө жатты ал, Кенже бир туруп канча жылдап койнунда жатып, жылуу кучагына кысып, мээрим берген күйөөсүн аяп кетсе, бир туруп жаткан алсыз немени тытып ийгиси келип бозоруп отура берди. Анипа кетээр күнү Кенжеге:

- Эми уулуңдун келечегин ойло, бир белги болсо сөзсүз мага баргыла, бирок эми катылбайт, - деди.

- Рахмат сага, Анипа, уулумдун бактысы ачылса болду, мен баарын унутууга аракет кылам.

- Кош болгула, ылайым үйүңөрдө чырагыңар жанып турсун, Алла жар болсун, - деп басып кетти. Актан ошондон кийин таптакыр атасынын бөлмөсүнө баш бакпады. Өзүнүн үйүнө да барбай калган, аны издеп таппай Эрнис биякка келди.

- Кайдан жүрөсүң? - деди аны көргөн Актан.

- Сага келдим.

- Эмне жумуш?

- Үйлөнөйүн дегем.

- Дагы ала качасыңбы?

- Жок, атамдар тапты, сүйлөштүм жакшы эле…

- Ала качам, атам тапты дебей өзүң жактырып үйлөнсөң болбойбу? - деп Актан жылмая. - Анан эмне керек?

- Сен досумсуң, мен үйлөнгөндө жанымда бол, күбө да болосуң.

- Андай болсо жөнү бар экен, барайын.

- Жүрү кеттик.

- Чай ичип алалы, - деп үстөлдө турган чайга карап отурганда Зияш тамак алып келди. Кенже дагы түшүп келди, Эрнис аны менен учурашып кайра отурду.

- Апа, бул менин жолдош балам, үйлөнөт экен.

- Болсун, балам, теңтуш күткөн жакшы, - деп Эрнисти сын көз менен карап койду. Тамактанып болгон соң Актан Эрнис менен чыгып кетти. Ал күнү Эрниске атайын сүйлөшүп, макулдашкан кызын алып келишти. Кыз көңүлдүү болуп, келин алган тарап кубанычтуу дуулдап жатышты. Эрнистин достору өзүнчө шарактап бир бөлмөдө. Эрнистин көңүлү куунак, Назгүл дагы жакшынакай ак саргыл кыз экен, тамашалашып түн бир оокумга чейин отурушту. Эч нерсеге көңүл буруп койбой көңүлдүү отурган Актанга Лира деген кыз жабышып эле калды. Улам бийлегенде аны менен бийлей коюп атып, таанышканга жетишти. Базарда соода кылган карапайым, ачык-айрым кыз. Ал Эрнистердин коңшусунун кызы. Кеткенче бийлеп жакын отуруп шарап ичип, шампандан ууртап атып бир топ кызып калган.

- Актан, мени кечирип кой, мен кызып калдым окшойт, жеткирип койо аласыңбы? - деди акырын.

- Кайда барасыз?

- Бул эле жерге.

- Макул, - Актан аны ээрчий сыртка чыкканда кыз аны дароо колтуктап алды. - Күйөөңүз барбы? - Актан сынай суроо салды.

- Жо-ок, али жетише элекмин.

- Картайып кетпейсизби?

- Жо-ок, картаюга жол бербеш керек.

- Колуңуздан келеби?

- Аракет кылам.

- Операция жасатыппы?

- Ошончолукка жеткиче бир жигит табылаар, - деп шыңк эте күлүп койду Лира. - А өзүңүздүн аялыңыз барбы?

- Бар.

- Ошондуктан жанатан бери серьезный болуп аткан турбайсызбы?

- Дал ошондой.

- Аялыңыз эмнеге келген жок?

- Келе албайт.

- Эмнеге? - Түшүнө бербей кайра сурады. - Оорулуубу?

- Андан да жаман.

- Кызык, - Кыз ийин куушуруп койду.

- Эмнеси?

- Келе албаганы, эмне, ажырашып кеттиңиз беле?

- Ажырашканга жетише албай калдык.

- Эмне үчүн?

- Ал кетип калды…

- Каякка?

- Келбей турган жакка.

- ?..

- Ушундай, Лира, жеттиңби үйүңө?

- Ооба, келип калдым, сизге рахмат, соолугуп да калдым окшойт, - деп кыз дагы күлдү. - Жакшы барыңыз анда, орунсуз суроолорум үчүн кечириңиз.

- Эчтеке эмес.

- Жакшы барыңыз, - деп жүгүрүп кирип кетти. Актан кайра келип Эрниске жолукту да, үйүнө кетти. Жалгыздык аны тажатып ийгендей болду. Өзү жеңилдикти башынан сүйбөйт, келин-кесектер менен жүргөндү да жактырбайт. Кээде Жазираны ойлонгону менен анын оюн билбей санаага батат. "Балким анын ою таптакыр башкадыр, сүйгөн жигити бар чыгаар, же мени сынап жүрбөсүн? Андай болсо жакшы болот эле, мен эми жолукканда ага сөзсүз сөз айтышым керек", - деп жакшы ойлор жан дүйнөсүн эргитип, кыялданып жатып уктап калды. Эртеси эрте турду. Негедир жеңилдеп, жүрөгү бир нерсени сезгендей ээлигет. Бети-колун жууп, чай ичти дагы үстү-башын оңдоп, галстугун тагынып, жумушка жөнөдү. Бүгүнкүгө кел дегенин эстеп эртерээк чыкты. Унаасын токтоочу жайдан алып чыгып, эки жагын карап, тазалаган соң жолго түштү. Аны күтүп жаткан Мусабек Ибраимович көрүп эле:

- Кел, Актан, атаң кандай, жакшы болуп калдыбы? - деди орун көрсөтө.

- Жылыш жок, иштериңиз кандай?

- Баары жайында, сен бүгүндөн баштап ишке кирише бер, кабинетиң отуз жетинчи, ак жол, балам, - деди Мусабек Ибраимович.

- Рахмат сизге.

- Эчтеке эмес, Аскеме жаман болду, сакайып кетсин.

- Рахмат, айтканыңыз келсин, - деп Актан кабинеттен чыгып, айткан кабинетти издеди. Коридорду бойлой каалгалары окшош кабинеттердин номурун карап келип, отуз жетинчи кабинетке келгенде токтоп туруп калды. Ошол убакта тык-тык эткен дабыш менен бирге:

- Оой, сизби? - деген тааныш үн чыкты. Карай койсо чыкыя кийинген Жазира экен. - Сиз бул жерде эмне кылып жүрөсүз? - деп жанында туруп калды.

- Жумуштап келгемин, өзүң кайдан?

- Мен дагы бирөөгө жолугайын деп келгем.

- Аа-а мейли анда, - Жазира ары көздөй басып кетти, Актан аны бир азга карап туруп, анан эшикти тыкылдатты. Ошол күнү иши менен таанышып, анан апасына барды, толкундоосу басылбай кубанычтуу кирди үйгө.

- Кел, уулум, кандай жүрөсүң деги, кабар алып да койбойсуң? - деп Кенже аны көрөөрү менен наалып калды.

- Апа, бүгүн жумушка орноштум, - деди Актан апасынын капаланып, кейигенине карабай. - Балаңдын алгачкы жумуш күнүн куттуктап койбойсуңбу эми? - Күлүп келип Кенжени кучактап калды.

- Кут болсун, уулум, ылайым ишиң илгерилей берсин, кадыр-барктуу, адилеттүү адам бол, садага, - деп Кенже уулун эки бетинен өөп, анан Зияшты чакырды. - Чыныга суу алып келчи!

- Азыр, эже, - шашылган Зияш чыныга суу алып келип берди эле, Кенже Актандын башынан тегеретип сыртка карай чачып келди.

- Ылайым ишиңде ийгиликтер көп болуп, адилеттүү, ак ниет, дөөлөттүү адам бол, балам. Дөөлөт консо көппө, мансаптын артынан кубалаба, адамгерчилигиңден тайба, уулум, элдин уулу бол, эсирбей эс-акыл менен иш алып бар, - деди уулун жанына отургузуп.

- Апа, айтканыңдай болот, атамдын тагдыры деле мага сабак болду го, сенин үмүтүңдү актайм.

- Каралдым, мен сен үчүн жашагамын, кыскасы менин үмүт-тилегимдин баары өзүңдө, каралдым, - деп Кенже ойлуу отуруп калды. Актан бүгүн да өз бөлмөсүнө түнөп, өз үйүнө дагы барбай калды. Эрте кетип, кеч келгенге үйүндө тамак-аш жасап күтүп тураар эч ким болбогон соң аякка баргысы келбей бир айдай жүрүп калды. Жумушка көнгөнчө бир топ күн өттү, окуусун бүткөн бойдон иштебей жүрө бергенге бир аз кыйналды. Анын үстүнө көп окубай эле атасынын арты менен университетти аяктаганга иш жүзүндө оңой болгон жок. Баш көтөрбөй китептерди толтуруп алып келип, түнү бою окуп чыгат. Бир күнү Кенже ага минтти:

- Актан, качан үйлөнөсүң?

- Апа, атам тигинтип жатса…

- Ал жата берет, бөлмөлөр толуп жатпайбы, үйлөнсөң боло, уулуң да окуп калды, сен минтип жүрө бербей үйлөн, балам.

- Ойлонуп көрөйүн, апа.

- Тездет, балам, жаштык дегениң тоңгон муздай, жылт этип күн тийгенде эрип жок болот, кайрып ала албайсың, балам.

- Чоң энемдер эмне дейт, атасы ооруп жатса эси жок бала аял алам дейт деп жаман көрбөйбү?

- Жаман көрбөйт, ушинтип жүрө бермек белең?

- Алар кары кишилер, апа, ким билет эмне дешет.

- Анда телефондон чакыр.

- Өзүң айтып чакырып көр.

- Макул, мен бүгүн эле сүйлөшөм, - деп Кенже өзү телефонун терип кирди.

- Сүйлөшө бер, - деп Актан өйдө көтөрүлдү. Арстандын жанына Кенже дагы көп барбай калган, чай-пай берип, шейшептерин которуп койот да, чыгып кетет. Көңүлү таштай катып, жүрөгү муздап калган, баягысындай жанында боору ооруп отурбайт. Тамак-аш ичилген сайын куран окуп, Айзатка багыштап бата кылат, уулунун келечегине тоскоол болбошун тилейт. Телефон чалып, кайненеси Ыргалдын үнүн укканда:

- Апа, жакшы жатасыздарбы? - деп учурашты.

- Жакшы, айланайын, өзүңөр тынч жатасыңарбы?

- Жакшы, апа.

- Жөн жай чалдың беле?

- Апа, Актанды үйлөнтөлү…

- Ботом, үйлөнтпөй анан, отузга барып калды, анда атаң экөөбүз барабыз, качан үйлөнөм дейт?

- Сиздер келсеңиздер…

- Анда эртең эле чыгалы, - деп Ыргал шашып калганда Кенженин күлкүсү келди.

- Макул, апа, анда күтөбүз, - деп телефонун өчүрдү да, өйдө карай үн салды. - Актан, бери түшчү!

- Эмне болду, апа?

- Кел бери.

- Жакшы кабарбы? - Жылмая карап жанына келди.

- Чоң атаңдар кубанып жатышат, андан көрө сүйлөшкөнүң барбы?

- Жок, көрөм да.

- Ошонуң кантип болсун?

- Көрөбүз да.

- Көрөбүз да дебей эртең чоң атаңдар келгиче мага жообун бересиң, мен эртең баарын даярдап койом, бүрсүгүнү киргизебиз.

- Апа, шашпай турчу эми, чоң атамдар ошончо эрте келебиз дештиби? - Актан мынчалык шаштыраарын билбей сөздөн жаңылып алганын сезди. Анан апасын тынчтандыра, - Кам санаба, апа, алып келем же азыр эле алып келип койойунбу? - деп күлө кайдадыр чыгып кетти. Ал Жазирага жолугууну ойлоду, эми гана телефон номурун албаганын эстеп өкүнүп алды. Өз үйүн көздөй жөнөдү, адаттагысындай эле унаа токтоочу жайга машинесин токтотуп, эки жакты карап туруп, анан үйүнө кирди. Ошол кезде негедир Айзатты эстеди, аны жек көрөөрүн же сагынып жүргөнүн сезбеди. Сүрөттөрдү карап отуруп, Айзаттын кичинекей блокнотун таап алды. Анын буюмдары бүт эле калган, ошону эми аңтарып жатып кичинекей блокнотту ачып көрүп, биринчи бетинен анын сүрөтүн тапты. Бажырайып өзүн тиктеп талбай караган көздөн көзүн тартып алды. Экинчи бетин ачты. Күндөлүк жазганын билди, колу ушундай сулуу жазылган экен: "Мен шаарга келип окууга тапшырдым, ата-энемден алыс болгонум өкүнүчтүү болсо, окууга өткөнүм кубаныч болду. Бүгүн студент болдум", - дептир. "Мен шаардын турмушуна көнө албай жатам, өзүмдүн айылымдын салкын абасы, күнү-түнү шаркыраган суунун үнү угулуп турган бөлмөмдү сагындым. Ээх, чиркин өмүр, ошентип мен дагы уядан учкан куш болуп, ата-энеден алыстадым ээ? Эркелеп гана бала бойдон жүрө берсең кандай жакшы, бирок уул болсом туурума кайра барып конмокмун. Мен кээде кыз болуп калганыма өкүнүп кетем, анткени качандыр бир кезде мен дагы башка бүлөнүн эшигин аттап, ата-энем тааныбаган адамдарды ата-апа дейм да. Ооба, ошондой күндөр билинбей жакындап келе жаткансыйт, ким билет кандай адамдарга туш болом? Эмнеси болсо да жүрөгүмө жаккан адамга барсам башкасына көнүп кетээрмин…". "Бүгүн Алинага жолуктум, ал экөөбүз канчадан бери жолугуша элек болчубуз. Кызык, ал күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кетиптир", "Укмуш, мен бүгүн күтпөгөн окуяга туш болдум, Алинанын мурда наркотик менен алектенгенин билсем жоломок эмесмин, ал экөөбүз кафеде отурсак эле милиция кармап кетти. Коркконумду айтпа, эчтеке билбейм дегениме көнбөй мени дагы бир күн камап койгондо ыйлаганымды айтпа! Эгерде тагам болбогондо камалып кетет белем", - деген жерин окуп, эмки барагын ачмак болгондо эшик тыкылдап калды, блокнотту ары коюп босогого келди:

- Ким?

- Мен Жазира.

- Оой, сенсиңби? - деп эшикти ачып, аны ичкери киргизип, - Отур, кандай шамал айдап келди? - деп атып, өзү блокнотко кошуп Айзаттын буюмдарын ары алып койду. - Иштериң кандай?

- Жакшы, - Жазира күлө карады, - Сиздин жактоочу болуп ишке киргениңизди билдим, ушунчалык жашырганыңызга жол болсун?

- Мактанышым керек беле?

- Ошонун мактанганы барбы?

- Кой аны, Жазира, башканы сүйлөчү, качан күйөөгө тийейин деп жатасың? - деп тамашалап калды.

- Жигиттер жакпайт, мага жакканы мени жактырбайт, кыскасы бойдокчулук менен азырынча коштошо албайм.

- Мен жагамбы? - Актан жылмая сынай карады.

- Сизби? - Жазира дагы күлүмсүрөй Актанды тегерете карап, - Жакпайсыз, бир гана жериңиз жагат, - деди.

- Кай жерим?

- Мүнөзүңүз.

- Кандай экен?

- Кичипейил, адамды түшүнө билесиз?

- Калган жерим кандай экен? - Актан ага тигиле карап, бир аз турду да, каткырып койду. Экөө тең күлүп, андан аркы сөз уланбай калды. Актан сөздү эмнеден баштаарын билбей кыздын жанына отурду. Эгерде азыр Жазира келип алаксытпаганда ал үйлөнүүнү такыр унутуп, бир ишти изилдеп, канча убактысын бошко кетирмек. Блокнотто Айзат арманын кагаз менен бөлүшүп, Арстанды каргагандарын окуганда ким билет, өмүр бою бойдок өтүп, атасы өлсө да өкүрмөк турсун топурак салууга бармак эмес беле. Минтип периштедей болуп Жазира келгенде ал кара баскан блокнот көңүлүнөн чыгып кетти.

- Жагасыз! - деп Жазира кыткылыктаган бойдон алаканы менен бетин басып, эшикке карай жүгүрдү. - Жагасы-ыз!

- Чын элеби, Жазира? - деп анын артынан маашырлана Актан кубалап чыкты. - Дагы бир кайталап койчу?!

- Айтпайм, айтпайм-айпайм, - деп баратканда Актан жетип кызды кармап калды.

- Кана, Жазира, дагы бир жолу айтып койчу, - деп кулагына шыбырады. - Чын эле жагамбы?

- Тамаша, - деп Жазира андан бошонууга аракет кылды.

- Койо бербейм айтпасаң.

- Бирөө көрүп койот.

- Көрсө көрө берсин.

- Сиздин айтаарыңыз жокпу? - деди Жазира ошондо акырын.

- Кандай? - Актан түшүнө бербей сураганда.

- Мен айтышым керекпи, эгерде андай сөз уккуңуз келсе өзүңүз сүйлөңүз…

- Жазира, үйгө киреличи, бирөөлөр көрсө уят.

- Макул, кеч кирип келе жатат, мен кетишим керек.

- Өзүм жеткирип койом.

- Тез айтыңыз, кана эмне дегиңиз келет? - деди Жазира жайдары.

- Мен сага үйлөнөйүн дегем.

- Эмнеге?

- Жашабайлыбы?

- Кантип?

- Ушинтип эле, үйлөнүп алабыз…

- Эч нерсе жок элеби?

- Эмне керек, баары бар, эч нерседен кам санаба, - деп Актан Жазираны өзүнө каратты. - Мен сага үйлөнгүм келет.

- Кызык, - Жазира ойлуу тигилди. "Сүйөм деп айткысы келбейби же айткандан коркобу? Менин кандай сөз күткөнүмдү билбейт экен да", - деп үнсүз телмирип калганда Актан дагы өзүнчө бушайман боло түшүп, анан:

- Жазира, сен кандай ойлойсуң билбейм, алгач сени көргөндөн бери сага тартылып баратканымды сездим. Муну сүйүү деп түшүнсөмбү же жөн эле жакшы көрүүбү өзүм да билбейм, - деди көздөрүнө тике карап. - Балким сага сүйөм-күйөм деген сөз жагаар, а мен ушул сүйүү деген сөздүн жардамы жок эле жакшы көрүп, ичимден жактырып жашагым келет. Эгер ушу сөзүм жакса, туура көрсөң мен сага үйлөнөм, ал турсун эртең эле алып кетейин.

- Акта-ан, сиздин бул сөзүңүз тамашабы же жасалмабы? - деди Жазира аны алая карап. - Ырас, мен өзүм сизди жактырып калдым, бул менин айыбым эместир, чынында мен сизден сүйөм деген сөз күткөм. Аны туура айттыңыз, мен туура кабыл алам, катуу сүйүп тез суугандарды көрүп эле жүрөбүз, бирок эртең же бүрсүгүн үйлөнөм дегенге мен каршымын, жашоо оңой эмес, - деди Жазира.

- Мен сенден эртең телефон аркылуу жооп күтөм! - деп Жазиранын колундагы телефонду акырын алып номурун жазып жатып, - Бүрсүгүнү чоң атамдар келип: "Келиним кана?" - дегенде үйдө болосуң, - деп күлүп койду. Жазира эч нерсе дей албады, чынында ал өзү Актанды сүйүп калган. Анын сыйлаганы, ашыкча сөз айтпаганы, тийише сүйлөп орунсуз ыржалактап күлбөгөнү өзүнө тартып, көрбөй калса өзүнүн эмес, унаасынын караанын издечү болгон. Эми не дей алмак, өзүнө-өзү суроо узатып, жүрөгү дирилдей кубанычтан толкуп турду. "Ооба, ооба, мен макулмун, сенин жаныңда болууга мен макулмун", - деп ичинен кайта-кайта кайталап жатты.

- Актан, мен ойлонушум керек, үйгө барайын, - деди жүзү албыра бир кезде Жазира.

- Жазира, мени кечир, мен осолдук кылдым окшойт, эгерде көңүлүңө оор келсе кечир.

- Жок-жок, - Жазира тайсалдап кетти. - Эч нерсе эмес.

- Анда жооп күтсөм болобу?

- Болот, - деп дагы жылмая карады. Актан үйүн кулпулап, кызды подъездине чейин узатып коюп, жүрөгү элеп-желеп боло унаасына жетти. Кубанычтуу кабарды апасына барып айтмак болду. Кенже ойлуу креслодо отурган эле, ал кийинки кезде ушинтип жалгыз отура берчү болгон.

- Апа, мен келдим, - деди Актан кирип келип.

- Кел, балам.

- Эмнеге уктабай отурасың?

- Уйкум келбей жатат.

- Көп ойлоно бербе да, дагы ооруп каласың.

- Кудай сактасын, балам, эртең атамдар, таятаңдар келсе үйлөнөсүң, анан ЗАГСка баруу аземин жасайбызбы?

- Апа, эгерде чоң атамдар каршы болбосо сөзсүз барыш керек.

- Ошент, балам, үйлөнүү той өткөр… - Кенже өткөндү эскерткиси келбеди. Айзатты алып келгенде дагы түнөрүп отуруп, Арстан үйлөнүү тоюн өткөртпөй койгон. "Бир жаралып бир өлөт адам, уулумдун көңүлүн өзүм көтөрүшүм керек, ансыз дагы бир өмүрүнө жетээрлик арман менен өкүнүч көкүрөгүндө калды", - деп ойлонуп алды. Ал азыр сүйлөшкөн кызың кайдан, кандай жердин кызы деп сурагысы келбеди, "өзү сүйүп, өзү жактырып алсын", - деп ойлоп турду ичтен. "Өзү деле акылсыз балдардан эмес, тандоосу жакшы, жаңыла койбос", - деген ойдо болду. Эртеси Султаналы менен Ыргал Кара-Балтадан келсе, Болот менен Саламат Кочкордон келип, куда-кудагыйлар учурашып, ал-абалын сураша чайга отурушту.

Актан эртеси сыр билгизбей жумушуна барды. Ага кыз зордуктап соттолгону турган жигиттин ишин тапшырышты, аны менен таанышып, бир аз маектешкенден кийин Жазирага чалды. Кыз бейтааныш номурду көрүп албай өз иши менен алек болуп жаткан. Кайра-кайра чырылдай бергенинен улам эшикке чыкты:

- Алло, ким экен бул? - деди аста.

- Кандайсың, чоң кыз?

- Аа-а, сизби?

- Ооба, унутпапсыз…

- Жумушта элем, кишилер бар эле, бир аздан кийин чаласызбы?

- Болуптур, чалбай эле жолугалы.

- Колум бошосун.

- Макул, күтөм, - деп телефонду өчүрүп, өз ишине киришти. Түш да болду, чогуу түштөнөлү деп Жазирага дагы чалды.

- Мен сизге жолугалбай калдым, зарыл иш менен ата-энеме кетип жатам, - деп Жазира өчүрүп койду эле, Актандын супсуну сууй түштү. "Эмнеге антип жатат, балким мага көңүлү жоктур, анда ачыгын айтса болмок", - деп айласы кетип турганда эшиги тыкылдады.

- Кириңиз, - деди көңүлсүз, кагазынан башын көтөрбөй кирген киши ким экенин да карабады. - Айта бериңиз, кулагым сизде.

- Сизге уруксат бекен? - дегенде шарт башын көтөрө карап, күлөөрүн же ыйлаарын билбей алайды.

- Се-сен…

- Сизге уруксатпы? - Жазира дагы уруксат сураганда Актан ордунан туруп, анын жанына келди:

- Ушунча да коркутасыңбы, эмнеге үйгө кетем деп мени коркуттуң? - деп так түбүнө келип кучактамак болгондо кыз аны төшкө түртүп ийди.

- Жиндисизби, мени ким деп жатасыз, уятсыз десе!

- Жазира…

- Мен Жазира эмесмин, - деди ошондо тигил жумшара. - Мени кечириңиз, мен Назирамын, Жазира экөөбүз эгизбиз…

- Ыя-аа? - Актан эси оой отуруп калды. Ошол убакта Жазира кабинетке баш бакты, ал сиңдиси Назиранын киргенин билген эмес, көрүп таңгалып калды. Назира болсо:

- Жазира, сенсиңби? - дегенде:

- Сен кайдан? - деп босогодон бери аттады Жазира.

- Бир жумуш менен бул кишиге жөнөткөн эле…

- Жазира, сен кеткен жоксуңбу? - Актан эсине келе суроо узатты.

- Тамашалагам, - деп Жазира ага жылмая караганда Назира аны колунан жетелей кабинеттен чыгып, эшикти жапты да:

- Жигитиңби? - деди шыбырай.

- Чогуу иштейбиз.

- Чынбы?

- Калп айтып жүрчү белем, сен эмне кылып жүрөсүң мында?

- Мен бир иш менен келгемин, бүгүн бүтө албай калдым.

- Анда кагаздарыңды мага ташта да, бара бер, мен бүтүрүп кечинде ала барам, - деди Жазира сиңдисине.

- Макул, башка ишимди бүтүрө берейин, - Назира сумкасынан бир топ кагаздарды алып чыгып Жазирага берди. - Кечкиге чейин, - деп өбүшө жөнөп кетти. Жазира ийинин куушуруп алып кайра кабинетке кирди.

- Жазира, түгөйүң бар экенин айткан жок элең го?

- Сизге табышмак болдубу?

- Укмуш, сен экен деп ага таарынычымды айта баштагам, - Актан өзүнчө күлүп алды. - Кызык, укмуш окшош экенсиңер.

- Ооба, бардык жагыбызды окшоштура беришет, ал турсун атамдар дагы айрып тааный албай калышат.

- Мындай окшоштук эсти оодарып койот экен, - деп жигит Жазирага жакындады. - Сен эмнеге калп айтып үйгө кетем дедиң, аз жерден жүрөгүм токтоп кала жаздады, - деп эки карыдан ала көздөрүнө тигилди. - Кана, кандай жооп угам?

- Ооба…

- Чын айтасыңбы?

- Ооба, мен макулмун!

- Рахмат! Түштөнүүгө бирге баралыбы?

- Макул.

- Аа-а, баса, Назира кайда иштейт?

- Ал дагы жактоочу.

- Оо, жалаң жактоочулар бөлүмүн ачсак болот экен да?

- Болот, - деп Жазира дагы күлүп койду. Экөө ээрчише көчөгө чыгышты да, кафеге барып, тамактанып отурушту. Андан кийин өз-өз ордуна жөнөөрдө Актан:

- Жумуштан бошооруң менен чал, - деди.

- Жарайт.

- Күтөм.

- Күттүрбөйм, - Жазира басып кетти.

- Менин өмүрлүк жарым болууга татыйсың, - деп коюп кабинетине жөнөдү. Актанды Кенже даярданып алып күтүп жаткан, кечиккенинен тынчсызданып телефон чалды. Актан:

- Угуп жатам, апа, - деди.

- Кечиктиң го, уулум?

- Апа, барып калабыз, - деп өчүрүп коюп, Эрниске, андан кийин Кумарбек деген теңтушуна чалды. Жамалдин деген бирге окуган жигитти дагы чалып чакырган соң жумуш бүтөөр кезди күтүп калды. Бир кезде Жазира чалды.

- Угуп жатам, Жазира, бошодуңбу?

- Ооба, сыртка чыга кал.

- Баратам, - деп үчөөнү ары жактан салып алмак болуп, Жазираны көздөй ашыга жөнөдү.

- Тез эле келип калдыңызбы? - деп жылмайган Жазира анын жанына отураары менен эки жакты элеңдей айдап жөнөдү. Бир кезде мерчемдүү жерде күтүп тургандар түшүштү.

- Оой, Актан, канчадан бери жолуга элекпиз, бир чайлашалы, - деди Кумарбек ага көзүн кыса.

- Ой, досум, мен Жазираны апама тааныштырмак элем.

- Болуптур, аяш энемди көптөн бери көрө элекмин, учурашып кайталы, - деп шыпылдаганда Актан унчукпай калды.

- Эмне үйүңүзгө барабызбы? - Жазира бир нерсени сезип турса дагы сурап койду, ал Актанга өз тагдырын ойлонбой кошууга даяр болчу, анткени аны өзү дагы жактырып калган.

- Ооба, апам сени бир көрөйүн деген, кайра эле жеткирип койом.

- Биз деле чогуу барып, анан кетебиз, - дешти Эрнис менен Жамалдин.

- Ой досторумду үйгө барба демек белем, барганыңар жакшы, - деп Актан күлүп койду. Ар кайсыны сүйлөшүп күлүп баратып жеткенин байкабай калышты. Бир кезде дарбазанын жанына келип токтогондо беш-алты киши турган экен, бири короого кирип:

- Келин келди, - дегенде жапырт чыгышты эле, Жазира элеңдей карап Актанга:

- Булар соо эмес, Актан, бул эмне дегениңиз? - деди ыйламсырай.

- Мени кечир, Жазира, мен сага айткамын ала качам деп, көңүлүң болбосо мен аларды токтотуп койом, - деди башын жерге сала. Жазира бетин басып ыйлап калганда үч-төрт аял чыгып аны унаадан түшүрүп ичкери киргизишти. Кенже жоолугун алып келип, Ыргалга берди:

- Апа, келиниңе жоолук сал.

- Келе, айланайын десе, ак жолтой, ак жүздүү келин бол, садага, алганың менен тең кары! - деп эки бетинен өөп, жоолукту башына салды. Ээрчитип экинчи кабаттагы чоң залдын жанындагы бөлмөгө киргизип көшөгөгө отургузуп, этегине таш бастырып ырымдады. - Келген жериңден өнүп-өсүп, ак уул, кызыл кыздуу бол, айланайын, көшөгөңөр көгөрсүн, - деп Ыргал келинди отургузгандан кийин Салтанат баш болгон аялдар жабыла кирип жоолук салып, жүзүнөн өөп жатышты. Кенженин кубанычы койнуна батпай, келинин ичинен жактырып: "Түзү ийгиден түңүлбө дегендей өңдүү-түстүү экен, уулумдун кадырына жетээр ак жолтой жар болсун", - деп келип, бетинен өптү.

- Ак жолтой келин бол, садага, алганың менен тең кары.

- Келиниң өзүңө күйүмдүү болсун, Кенже, - деди коңшусу Шарапат.

- Айтканыңар келсин.

- Кыз баланын барган жеринен бак айтканы жакшы, бирөөнүн үйүнө келип эле бүлө болуп калыш оңой эмес, - дешип ар кайсыны айтып жатышты. Бир кезде Кенже Актанга:

- Келиндин ата-энеси кайдан, ачуу басарды жөнөтүш керек, - деди чакырып алып.

- Өзүнөн сурайын.

- Тездет, балам, бирөөнүн баласын алып келип, унчукпай отура беребизби? - дегенде Актан телефон чала койду, отурган аялдардан кире албай чалып жаткан. - Ким менен сүйлөшүп жатасың? - деди Кенже аны көрүп.

- Жазирадан сурайынбы?

- Ок кокуйгүн десе, телефондон сураба, мен өзүм кирем, - деп күлгөн Кенже үйгө кирип кетти. Ошентип куданын аты-жөнүн сурап алып, түндөп ачуу басарга үч киши жөнөтүштү. Абылкасым түшүнүктүү адам экен баргандарды жакшы кабыл алып, эртең кууп бараарын айтып, сыйлап жөнөттү. Арстандын абалы оор болуп, бир бөлмөдө кыйналып жаткан. Аны караганга колдору бошобой, үйдө оорулуу барын эч кимге билгизбей конок күтүп, узатып жатышты. Эртеси Абылкасымдын иниси Жумабек, улуу баласы аялы менен, түгөйү Назира, бир эжеси болуп кууп келип калышты. Отургандар Жазира менен Назиранын аябай окшоштугун көрүп таңгалып отурушту. Урмат-сый көрсөтүп, алдына акча, кийит коюп жөнөтүштү. Кенже келининин дагы жактоочу экенин билгенде таңгалды. "Жакшы жүрүп, татыктуу иштегенде бакыйып, кудалар менен отурбайт беле, пешенең курусун", - деп күйөөсүнө кейип алды. Жазира төркүндөрү келип кеткенден кийин эки күн келген-кеткенге келин болуп жүгүнүп жаты. Ыргалга дагы небере келини жакты. Актандын Жазирага үйлөнгөнүнө ичи тызылдаганы менен Эрнис анысын ачыкка чыгарбады. Анын келинчеги жардамдашып ошол жерде жүрдү. Актан элдер кетип, келинчеги экөө ээн калганда:

- Жазира, өкүнгөн жоксуңбу? - деди аяр бетинен өөп.

- Жок, сага келгениме өкүнбөйм.

- Чын элеби?

- Чын, мен өзүм сени жакшы көрөм, Актан.

- Рахмат, алтыным, мен эртең жумушка барып, жооп алып келейинби?

- Мен дагы барышым керек го?

- Сен үйдө боло бер, мен баарын бүтүрүп келейин, биздин туугандар келип калса келини кайда кеткен дебейби? - Актан ууртунан өөп койду. - Сен мага кайдан дагы жолугуп калдың дейм да?

- Өкүнүп калдыңбы?

- Ананчы?

- Чын элеби?

- Ооба, ала кет деп алдымдан чыкпасаң көрбөй жүрө бермекмин да, - деп каткырып жатканда Кенже кирди:

- Балам, кишилер келе жатат, жакын чоң апаңар болот, жакшылап жүгүнүп кой, садага.

- Макул, апа, - деди Жазира. - Актан апасы ары басаары менен келинчегин өөп алып, чыгып кетти.

Келген кемпир, эки келин, бири тотугуп калган аял, булар Арстандын жакын туугандарынын аялдарынан эле. Келин көргөнү, ошону менен бирге ооруп жаткан Арстанды көрө келели деп келишкен.

- Келин кут болсун, Кенже, - деди таяк таянган кемпир калчылдаган колуна жоолук кармап. - Ак жолтой келин болуп, уулуң экөөнүн кармашкан колу ажырабасын, - деп Жазиранын бетинен өөп, жоолук салды.

- Айтканыңыздар келсин, эне, - деп Кенже аларга ыраазылыгын билдирди.

- Айланайын, түзү ийгиден түңүлбө дегендей келиниңдин жүзү жарык экен, болсун, садага, өркүнү өссүн.

- Апам келиниңизди көрүп келели деп бизди ээрчитип келди, - деп калды кызы Кенжеге. Аларды чай берип сыйлап, анан жөнөтүштү. Ошондон он чакты күн өткөндө Жазирага учурашканы эки жеңеси менен эжеси келет экен деп даярданып калышты. Ошол күнү кечке маал коноктор келди дешип мал союлуп кудагый-кудалары: "Күйөө баланы көрөбүз", - деп Актанды чакырып келди.

- Кир эми, жүгүнүп кой, бала, - деди жеңеси тамашалай, Үрүстөмдүн аялы анын атынан эле айтчу, кээде эл көзүнчө ошентип "бала" деп калчу. - Көрүндүктү чоң алабыз.

- Жеңе, жүгүнбөй эле койбоюнбу?

- Жо-ок, саал эле ийилесиң.

- Макул, - Актан, - "Өөх", - деп терең дем алып алды да, коноктор отурган бөлмөгө акырын башбагып, эң алгач Мадинаны көзү чалып боюн тартып алды. "Бул эмне кылып жүрөт?", - деп ойлонуп калганда:

- Бол эми кир, - деп жеңеси артынан шаштырды.

- Мм... азыр. - Актан башын сылай акырын кирип келгенде Мадина дагы чочуп кетти, Актан андан көзүн ала качып ийилип койду.

- Бактылуу болгула, Жазиранын түбөлүк жары болуп бири-бириңерди сыйлагыла, - деп Абылкасымдын карындашы туруп келип, жеңесине көрүндүк берди. - Бактылуу болгула, айланайындар. - Актандын чекесинен өөп, башына калпак кийгизип, кайра ордуна отурду. Үрүстөмдүн аялы Сайкалга берген миң сомду калган аялдар доолашып күлүп жатышты. Мадина ушул ирет ызаланып, ички күйүтү көкүрөгүн тээп чыгалбай, буркан-шаркан түшүп, жер-суунун баарын жалмап келе жаткан селдей болгон армандуу көз жашы аз жерден төгүлүп кете жаздап тамагын кылк эттирип алды. "Насип деген насип экен да, бизди тагдыр кошподу, куу чалдын кучагында жатканча өзүм каалаган чымыр дене, жалын жүрөк жаш жигиттин койнунда жатканым жакшы эмес беле, арман ай!", - деп жашы тамагын муунтуп оозуна сөз кирбей отура берди. Анын бул сырын эч кимиси билген да жок, бир гана Актан кыжаалат болуп: "Жазиранын эмнеси болду экен, эжеси эмес, жеңелеринен болсо керек, жакында эле турмушка чыкты эле го", - деп беймазалана көшөгөдө отурган Жазирадан:

- Жазира, молдо агаң барбы? - деп сурады.

- Эмнеге сурадың?

- Жоолукчан, хиджаб кийген жеңеңби дейм да.

- Аа-а, ооба, ал жеңем, жакында эле тийген, - деп койду Жазира. Өзү деле жакшы тааныбайт, көрө элек болчу. Жумабек Абылкасымдын эң кичүү иниси, булар алты бир тууган болчу.

- Иии, - деп коюп Актан сыртка чыгып кетти. Ырым-жырымдары бүткүчө Жазира үйдө болду. Экөөнүн иштешкендерин чакырышты, он-он беш күндөн кийин экөө тең ээрчишип жумушка барышты. Жазира бирдемеге таңгалып жүрдү, бирок суроого батынбады. "Эмнеге жалгыз жашап жүрдү, бул үйдө бир иниси менен апасы эле бар экен, барлыктан көпкөнүбү, андай болсо кыз-келиндер менен ойноп-күлөт эле го", - деп, Умарды иниси экен деп ойлоп алган. Анын баласы экенин билгенде бир таарынып, кайра жазылаарын сезбеди… Экөө бирге барып, бирге кайтат жумуштан. Үйгө келсе тамак даяр, ал тургай кийим-кечелери жуулуу, үтүктөлүү. Бир күнү кечке жуук экөө кафеде тамактанып отурушкан.

- Актан, - деди Жазира. - Сенден бирдеме сурасам болобу?

- Сура.

- Эмнеге жалгыз жашап жүрдүң эле?

- Эмне сөзсүз жооп беришим керекпи?

- Кааласаң жооп бер…

- Анда сага чындыкты айтууга убакыт жетти, - деп Актан ага үйлөнгөнүн, Умар баласы экенин айтып келип, - Менин өзүмдөн-өзүм качып жашап жүргөнүм ушул, Жазира, мен сага мурда деле айтсам болмок, бирок сен анда сурабадың, - деди.

- Демек сүйөм деп айтпаганың ошондон тура, - деди Жазира ызалуу. - Сүйүүңдү эбак башкага арнаган экенсиң…

- Жазира, ал өткөн да, эми мен сени гана сыйлап, сени менен гана жашайм.

- Сыйлап жашоо дагы жакшы дечи, мен сенин жүрөгүңдөн орун алып, сүйөм деген сөзүңдү уккум келген, Актан.

- Билем, Жазира. Мен сени түшүнөм, менин жашоом жалгыз сенсиң, сени менен гана бактылуу боло алам. Сен менин түбөлүк бактымсың, өмүрлүк жубайымсың, эми экөөбүздү бир гана өлүм бөлбөсө эч ким бөлө албайт, демек менин сүйүүм жалгыз өзүңсүң! - деп Актан аны эркелете оозуна вилка менен тамак алып барды. Жазира бир аз таарынган соң кайра жарк дей түштү:

- Башканы карабайм деп сөз бер анда.

- Сөз берем.

- Мурдагыңды ойлобойсуңбу?

- Жок.

- Анда мен сени сүйөм!

- Чын элеби? - Актан келинчегин өзүнө тартып өөп алды. - Чын эле сен мени сүйөсүңбү?

- Менин алгачкы таза махабатым сенсиң, Актан, ошондуктан сенин үйүңө өзүм барчумун, мени издеп таппай калабы деп корко берчүмүн билсең. Анан сенин салкын мамилеңден улам мени капарына алып да койбойт деп ызаланчумун…

- Койчу, кантип эле…

- Ишенбесең кой, сенин үйүңө өзүм барып алып уялат элем, бирок актангым келчү эмес, - деп эки жаш сырдашып, алды жактагы жашоосунан көптү үмүт этип бактылуу эле ушул учурда.

Алина жети жылга кесилген. Мурда отуруп чыкканга бул жолу ага жеңил болду. Түрмөнүн ичинде ээн-эркин басып, анча-мынча жаңы отурган кыз-келиндерге чочоңдоп калат. Бир күнү ага Лена деген орус кыз тийишип калды. Аны менен урушуп, экөө чачташып жатканда аларды ажыратып койду улгайган аял.

- Силерге эмне керек, ушул тордун ичинде жатып, талашыңар эмне?

- Өзү тийишти.

- Муну мен жакшы билем, ушул жерде жүрүп дагы бизди курбусун саткандай сатууга даяр! - деди Лена муштумун түйө.

- Койгула, кыздар, тилимди алып урушканды койгула, андан көрө менин тагдырымды уккула, - деди Сырга ойлуу.

- Эмне болуп күйөөңүздү өлтүрдүңүз эле? - деди бири кызыга.

- Ал узун жомок, - деди Сырга. - Биз ата-энебиздин арты менен үйлөнгөнбүз. Мен үч кыз төрөдүм, эркегим жок деп күйөөм ичип келип, мени уруп-сабачу болду, кыздарым чыркырап ыйлап корголошот. Ошентип арадан он жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Үч кыздан кийин төрөтүм токтоп төрөбөй калдым. Күйөөм Сагын мени менен урушуп үйдөн чыгып кетти, ыйлап-сыктап үч кызым менен кала бердим. Өтө кыйын эле, токсон эки-токсон үчүнчү жылдар. Бир күнү келип кубанычтуу:

- Сырга, мага Аянаны бер, өзүм менен болсун, сага келип-кетип турат, - дегенде жиним келип үйдөн кууп чыктым.

- Сага кыздын кереги жок эмеспи, аялың төрөп берет мен төрөй албаган эркекти, жогол көзүмө көрүнбөй.

- Мен Аянаны жакшы көрөм, кызымды мага бер, - дейт көшөрүп.

- Кызымдын балакетин албай жогол! - деп эшикти жаап алдым, ошондон кийин көпкө келбей калды. Үч кызым катар-катар окуп калышкан. Аяна эң улуусу эле, ага күндө келип, колуна акча берип имере баштаптыр, мен аны билбей жүрө бердим да, - Сырга үшкүрүнүп алды. - Эгер ошондо билсем сактап калмакмын…

- Анан эмне болду?

- Анан Аяна сегизинчи класска окуп калган, мен ага каалаган кийимин алып бере албайм, айылда эмне акча жок абдан кыйын убак. Сагын шаарга барып, бир аялга үйлөнгөнүн уккам, ал жаш, анан бай экенин да билдим. Мен шаардын четиндеги эле райондордун бириндемин, беш сом менен барып келчү жол да. Кээде Аянам кеч келчү болду.

- Кайда бардың, эмнеге кечигип жүрөсүң? - десем ал мага буркулдай карады:

- Атам алып кетем десе бербейсиң, же кыйратып кийим алып бере албайсың, мени менен окуган кыздардын кандай кийинип жүргөнүн көрсөң, - деп ыйлап кирди.

- Колумдан келгени ошол болсо эмне кылам, ыя? Тапканым ичкен-жегенге зорго жетет, - Мен өзүмдү кызымдын алдында күнөөлүү сезип, кейип ыйлап кирдим. Чынында аны менен окуган кыздар укмуш кийине баштаганын көрүп калгам, мектепте баягыдай форма кийбей эле кымбат баалуу кийимдерди кийип калышкан. Ошолорду ойлоп заманам куурулду.

- Мен атама кетем! - деди Аянам бурк этип.

- Эмне деп жатасың, өгөй энеден жыргап кетет белең?

- Атам бар, ал мага баарын алып берет.

- Эч качан барбайсың, эгерде кете туган болсоң мен өлүп берем колуңарга, - деп бычакты колума алганда коркуп кеткен үч кызым тең мага жармашты. Аяна дагы ыйлап:

- Экинчи минтпейм, апа, мени кечир, - деп соолуктап жатты. Төртөөбүз кучакташып көпкө ыйладык, акыры тиричиликтин камын көрүп, чай ичмек болдук эле, жалаң чай менен калыптырбыз. Нан алайын десем эртеңки ала турган товарым менен жолума деген акчамдан башка акчам жок. Үнсүз отуруп карандай чай менен жатып калдык. Кийинки күндөрү Аяна окууга барса, Саяна менен Гүлина окууга жол киренин жогунан бир күнү барса, бир күнү барбай калчу болгон эле. Ошондой күндөрдүн биринде Аяна үйгө келбей калды. Түнү бою уктабай чыктым же Сагындын жашаган жерин билбейм. Соодага чыкпасам ачка калабыз. Эртеси эрте мектепке барсам анын кечээ келбегенин айтышты аны менен окугандар. Ичимден эзилип ыйлап, соодага чыктым, ошондон бир айга чейин Аянадан кабар болбоду. Мектеп окуучулары тарап, каникул болуп калган. Биз чай ичип отурсак күүгүмдө Аяна кирип келди. Үстү-башы бой жеткен кыздардай кийинип, жарым жылаңач. Бизге деп эт-аш алып алыптыр. Негедир кызымдын менден көзүн ала качканын байкадым. "Атасына кетип калганына күнөөлүү болуп жаткан го", - деп боорум ооруп:

- Кандай, кызым, атаң сени элдин кыздарындай бага алат бекен? - дедим акырын гана.

- Жакшы, алардан да ашыра багып жатат, - деди башын көтөрбөй.

- Көңүлүң жайында болсо болду.

- Эмнеге атам бизден кетип калды, апа? - деди Аяна бир топтон кийин.

- Өзүнөн сурабайсыңбы?

- Айтмак беле? - деп ички бөлмөгө кирип кетти. Мен ойлуу өзүмдүн уул төрөбөгөнүмө күнөөлүүдөй отуруп калдым. Ал уктап калган, качан кеткени белгисиз, эртең менен таппай калдым. Ошентип убакыт өтө берди, бир жумада бир жолу акча, тамак-аш алып келип берип жүрдү. Андан: "Иштеп жатасыңбы?" - деп сурасам, "Атам акча берип жөнөтүп жатат", - деп койду. Мен эчтекеден кабарсыз, тамак-ашка кенелип, акчама акча кошулуп жатканга кубанып иштеп, эки кызымды жаныма алып соодага үйрөтүп жүрдүм. Каникулда жакшылап иштеп алсак кийим-кече алып берем да…

Бир жолу шаарда жашаган сиңдим келип, Аянанын сойку болуп жүргөнүн айтканда кулагым тунуп, көзүм караңгылап кайсалап отуруп калдым. Көрсө, Сагындын аялы сутенер болуп иштейт экен. Аларды угуп, жүрөгүм ооруп жатып калдым, Аяна келбей кечигип жатты. Эки кызымды кайтарып калдым. "Аларды дагы акча азгырыгы жолдон чыгарабы", - деп коркуп жүрдүм. Бир күнү түштөн кийин Аянам үйдүн тушуна такси менен келип, толгон коробка, мүшөктөрдү эшиктин алдына чейин түшүрүп, анан таксини кетирип ийди. Мен ачуумду карманып жай гана:

- Кайда жүрөсүң, кызым? - дедим.

- Иштедим, апа, ун-шекер, коробкалаган конфет-печенье алып келдим, май эттерди көрсөңүз, - деп мени алаксытмак болду, чынында укмуш, бир дүкөндүн товарындай эле бар.

- Ууруга кирдиңби? - деп ишене бербей сурасам кызым мага таарынгандай тултуя:

- Мен силерди ойлоп, күнү-түнү иштеп таап келсем ушинтесиңер? - деп ыйлап калганда кайра боорум ооруду. Бир убакта кучактап алып бетинен өөп:

- Силерди ойдогудай бага албаганым үчүн мени кечиргиле, - дедим эле, ал алып келгендерин сиңдилери менен үйгө киргизип жатты. Беш нан, бир кап ун, бир кап шекер, он эки литр суу май, бир койдун эти, дагы толгон-токой тамак-аш. Мен бир эттен азыраак кесип алып тамак жасай баштадым. Аяна мага беш миң сом сунду. Мен аны таңгала карадым:

- Апа, мен кайра кетишим керек, буларды жеткиргени эле келгем, - деп шашылыш кетип калды, мен оозума сөз кирбей кала бердим. Ошондо аны кайрылып көрбөй кааларымды билгенде эч жакка кетирбей койбойт белем, бирок тагдыр пешенеңе чийип берген жашоодон аша чаап кете албайт экенсиң, - деп Сырга көз жашын аарчып алды.

- Анан эмне болду, эже?

- Анан күтүп жүрө бердик, окуу башталып калды, Аянадан дайын болбоду. Кеч күз болуп калган. Таң эртең менен туруп базарга жөнөчү жаным, эшикке чыгып көргөн көзүмө ишенбей да, эмне болуп кеткенине түшүнбөй да нес болуп туруп калдым. Жанымда мени кармап койор ким бар, эки кызым уктап жаткан. Эсиме келсем Аянанын муздак денесин кучактап колдорум карышып калыптыр. Эки кызым ыйлап, мени өйдө кыла албай, айланамда топтошкон элди көрүп кайрадан эсимди жоготтум… Ошентип Аянадан айрылып калдым. Аны жерге берээрде Сагын келди, мен аны үйгө киргизбей койдум. Эл тарап өзүбүз калгандан кийин Аянанын сумкасын аңтарып жатып, Сагындын жашаган үйүнүн дарегин билдим. Ал өзүн күнөөлүүдөй сезип кайра-кайра келип жүрдү, аны көргөн сайын кызым көз алдымдан кетпей кыжырым кайнап, токтоно албайм. Бир күнү ал келип, кайра шаарга жөнөгөндө билгизбей ээрчип алдым. Ал мени байкаган жок. Шашыла басып, көп кабаттуу үйлөргө киргенде артынан кирдим да, ал кирген эшиктин түбүнө туруп калдым, колумда чоң көк бычак. Кирип бармак болгонумда мени алардын сөзү токтотту:

- Сен эмнеге келдиң? - деди аялдын үнү.

- Кайда барам, Гуля, эми мени алар киргизбейт, сени менен эле калайын, - деди Сагындын үнү.

- Кереги жок, кызыңдын арты менен жашамаксың, ал бизге акчасын бербей энесине ташыды, аны атайын үйрөттүм эле, эми мага сенин керегиң жок.

- Анан кайда барам, кызымды өлтүрткөнүң үчүн сени милицияга кармап беремин, - деп Сагын кыйкырды.

- Кызыңдын өлүмүнө мен эле эмес, сен да күнөөлүүсүң, билбей калдыңбы? - деп экөө кыйкырышып атышканда кирип бардым.

- Канкорло-ор! - деп айкырып, адегенде кимисине жеткенимди билбейм, бычакты шилтегенимди бир билем. Көрсө, былчылдата аялын сайгылай бериптирмин, бир кезде ажалы жеткен күйөөм мени тынчтандырам дедиби:

- Сырга, эсиңе келчи, ал өлүп калды, - деп жаныма келгенде аны бычак менен ичке сайдым эле, ал сендиректеп барып башы менен сайылды. Ошол бойдон өзүмдү билбей калдым, бир кезде милиция бөлүмүнөн эсиме келдим. Эки адамды бирдей өлтүргөнүм үчүн сураксыз кесе турган болду. Мен болгонун болгондой жазып бердим, ошол арызымдын аркасы менен өмүр бою түрмөдө отурмак болгон мени он жети жылга кесип ийди. Ошентип мына силердин жаныңарда отурам…

- Күйөөңүз жеткен акмак тура.

- Акмактан да жаман экен, эркек балалуу болмок турсун, өзү өлүп тынган тура, - деп жанындагылар тамшана карашты.

- Шору кайнаган эле эркек кыз баланы бала катары көрбөй кордойт, - деди бири Сырганын тагдырына жашып. Алина ойлонуп калды. Ал азыр Айзатты эстеди, "Ал эмне болду экен, соттон бошоп кетти эле, окуп жаткандыр, эми мени карабайт, туура эмес кылдым", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Түш көрүп жатыптыр, Айзат анын маңдайында турат, бети өзүнүкү болгону менен аппак чубалган көйнөктөн оркойо сөөктөрү көрүнүп, колу-буттары шалактап сөөк болуп жүрөт. "Айзат, сага эмне болгон?" - деп Алина андан сураса: "Менин абалымды билгиң келсе жүрү мени менен", - деп, аны ээрчитип алып калың мүрзөгө барды. Анан бир чуңкурду колу менен көрсөттү. Алина анын ичин караса Айзат ак кепинделип жатыптыр. "Көрдүңбү?" - деди ал Алинаны кекеткендей, мен ушул жерде тынч жата албай сага келдим… "Айзат, мени кечир", - деди Алина ыйламсырай. "Сенин жазаң али алдыда", - деп туруп, анын мойнуна жип илди да, сүйрөп алды. "Сен азыр өлбөйсүң, бүт өмүрүң өткөнчө жазаңды аласың", - деген соң буту-колуна чынжыр салып, "Эми менин сенде өчүм калган жок. Сен болбосоң бул күнгө калбайт элем", - деп көздөн кайым болду.

Чочуп ойгонгон Алина кара терге түшүп калыптыр. Ордунан тура калмак болду эле, оң буту зыр-р дей түшүп, бакырып ийди. Ошол бойдон өйдө тура албай эртең менен аксап ашканага зорго барды. Бир айдай ошентип жүрүп, анан ордунан жылбай калды. Сай-сөөгү сыздап, жан чыдатпай ооруса камераны жаңыртып өкүрөт, аны врачтар госпиталга алпарып жаткырып койду. Канчалык дарыласа дагы сакайбай чалкасынан жатып калганда ата-энесин чакыртышты. Алар түрмөгө түшкөнү кызына такыр келишкен эмес. Жылбай ооруп калганын угуп, акыры келишти. Госпиталдан көрүп кетип жатышты. Ошондо Алина апасынан Айзатты сурады, Айзаттын өлгөнүнө эки жылдан ашып калган.

- Апа, Албандын мени менен окуган кызын билесиңби?

- Анын өлгөнүнө эки жылдан ашты, киши колдуу болуп өлгөн бечара.

- Өлүп калды беле? - деп көргөн түшү көз алдына келип, өңү өзгөрүп кетти. - Эки жылдан ашты дейсиңби?

- Аны эмне сурадың?

- Апа, мен анда жакшы боло албайм, - деди ойлуу. - Анан көргөн түшүн айтып берди. - Ал мени чынжырлап койду, апа…

- Арбак билет дейт, бирок сенин ага кандай катышың бар?

- Билбейм, апа, - деп Алина ыйлап жатты.

- "Көп баскан аяк бок басат" дегендей сен тилимди албай ушул абалга келдиң, кызым, эми сени чыгарса го, үйдөн ырым-жырымын жасайт элек, - деп кейип отуруп кетти. Алина буту зыркырап ооруганда үнү кудайга жетип чучуктай чыңырып ыйлайт, сестра тынчтандыруучу уколун сайгандан кийин гана эс ала түшөт. Ошентип анын тозоктуу күндөрү өтүп жатты. Көз алдынан Айзаттын элеси, түшүндө көргөнү такыр кетпей чочуп ойгонот. Керээлден кечке чакчайып шыпты карап жатканда ага Омор деген бала эрмек болуп сүйлөшүп, көңүлү ачыла түшөт. Ал экөө ошол госпиталдан таанышышкан, бүгүн дагы жанына келип отурду.

- Кандай болуп калдың?

- Жылыш жок.

- Коркпо, жакшы болуп кетет, мурда бутуң ооручу беле?

- Жок, ооручу эмес.

- Сыздан болду го?

- Ошондой болсо керек, болбосо өзүм ооруп көргөн эмес элем.

- Кайгырба, сакайып кетесиң, минтип жата берген кыйын дечи, бирок ооруга айла жок, - деп башын жерге сала жубатты. - Күйөөгө чыктың беле?

- Чыгып, ажырашып кеткем.

- Эмнеге?

- Сүйлөшпөй ала качып кеткен.

- Кыскасы, сүйүү жок жашай алган жокмун дечи?

- Ооба, ошондой болду.

- Сакайып калсаң экөөбүз баш кошуп албайлыбы?

- Көрөбүз го…

- Менин дагы аялым жок, бир кызым бар болчу, кетип калыптыр.

- Менин да эч кимим жок, ата-энем болсо намыстанып мени карабай жатышат, оорубаганда мен дагы карамак эмесмин, - деп Алина ыйлап жатты, соолуктап көпкө ыйлап көз жашын сүртө, - Ушинтип ооруп калгыча өлүп калсам болмок. Бирөөнүн тилине кире койом деп жашоомду тозокко айланткан өзүм, - деп боздоп жатты. Омор ага куру сөзү менен дем берип, суу десе суу алып келип берет, тамак-чайды дагы алып келип, ал ичип жатканда жанында отурат. Кыскасы, ал Алинаны жактырып калганын айтып, айыгып кетишин тилеп жатты.

- Алина, сен жакшы болуп кетсең, мен сени дароо үйгө алып кетем, үйүм бар, экөөбүз бирге жашайбыз. Эптеп кутулуп алсак жашоону башынан баштайбыз, бала-чакалуу болуп бактылуу болобуз, - деди колунан кармап. - Үмүт деген жакшы экен, Алина, сени менен таанышкандан бери өзүм кайра жаралгандай болуп калдым.

- Омор, мен сенин сөзүңдү кайтаралбайм, бирок сакайып кеткенден үмүт кылбай калдым. Бул оорудан оңолушум кыйын, Омор…

- Антпе, мен сени айыктырганга аракет кылам, канча болсо да дарылатам, - деп жатты Омор. Алардын сөзү куру гана көңүл улоо болчу. Алина улам күн өткөн сайын арыктап бараткан. Атасы Алинанын бул оорудан сакайбасын билдиби, айтор ар кайсы эшикке кирип жүрүп, үйүнө алып кетти. Эч жакка кетпесин деген убада менен үйүндө карап калышты. Тамакка дагы табити жок, үйүнө келгенден кийин баягыдай сүйлөшөөр эч ким жок жалдырап жата берип, ыйлап дагы алат. Түпсүз санаанын түбүнө түшүп, эч жыйынтык чыгаралбай үмүтү өчүп, жашоодон биротоло түңүлдү. Бир күнү атасы аны атайын врач чакыртып көргөздү, анын жыйынтыгы болбоду. Алина аны көрүп туруп:

- Апа, мени көрсөтпөй эле койгула, баары бир сакайып кетпейм деле, андан көрө майыптар үйүнө тапшырып койгула, - деди кызы жашын куюлта.

- Эки көзүңдү жылтыратып туруп кантип таштайбыз, эгер ата-эне ооруп калса бала ташташы мүмкүн, кызым, бирок баланы ата-эне кече албайт, - деп кошо ыйлады апасы.

- Силерге эле жүк болдум…

- Жүк болбойсуң, эми бир көзү ачыкка көрсөтүп көрөлү, - деп Салкын чыгып кетти. Ал кызынын акыбалын көрүп чыдай албай, алтымыш тамыры зыркырап, жүрөгү эзилип сыртта туруп ыйлап жатты. Аны көргөн күйөөсү Жылкыбай:

- Эмне болду? - деди билип турса дагы.

- Эчтеке, бул Алина эмне болот ыя, ушинтип көз алдыбызда куурайбы, кандай дартка чалдыкты шордуум?..

- Эми колдон келсе кана, биз эле ошону ушинтсин дедикпи?

- Аракет кылсак жакшы болуп кетээр…

- Көрөбүз, тиги Жалал-Абадда өлүп тирилген бала бар имиш, ошого кандай кылып алпарабыз, ошону кыйын деп жатышат го?

- Билбейм, эмнеси болсо дагы айыгып кетсе болот эле... - деп бышактап кызынын абалына кейип отурушту ата-эне…

Мадина абдан капа болуп келди, көргөн сыйы, кийгизген кийими ал үчүн эчтекеге арзыбайт эле. Өзү каалап сүйгөн адамынын жанында башка бирөөнүн болушу анын жүрөгүн оорутту. Ошол ак сарайдай үйдө, келишкен жигиттин койнунда таңды атырган кандай бакыт, чымыр денесин сыйпалап, кучагында коңур жытынан кана жыттап мемиреп гана жата берсе кандай рахат. Анан эркелей туруп, кең, жарык терезелерин ачып, таза абадан кере жутуп, таңкы чайды бирге ичсечи, бах, чиркин. Өмүрдүн бары азап да болуп кетет тура, жан кыйналган кандай арман, өмүрдүн кызыгынан артта калып баарынан тажап кеткен күндөр… Мадина ушуларды эстеп отуруп боздоп ыйлады. Эми кеч болуп калган эле, экөө тең үй-бүлөлүү. Актан бактылуу, жадыраган жаш келинчеги, иштеген иши, эч нерседен капарсыз бактылуу турмушта. Мадина болсо арман менен азаптуу күндөрдү өткөрүп жатты. Ал антип санаага батып отурганда телефону жан-алы калбай чырылдай баштады.

- Ало, Адина, эмне болду?

- Апам келди, сага жолугам дейт.

- Качан?

- Сен качан бош болосуң?

- Мен эртең эрте барам, кайда барайын?

- Биздикине кел.

- Болуптур көрүшкөнчө.

- Сөзсүз кел, - деди Адина буйрук бере. Мадина телефонду өчүрүп койду.

- Муну карасаң мага буйрук бергенин, кичүү экенин унутуп калган го, сениби шашпа, менден мурун балалуу болсо эле эмне экен? - деп жиндене апасы менен жолугушуу оңой болбосун түшүндү. Өзүнчө кыжаалат болуп отурса Жумабек кирди.

- Биздин ханайым неге капалуу экенин билсек болобу? - деди ал кирип эле.

- Менин көңүлүм жайында.

- Жо-ок, кийинки күндөрү сабырың суз.

- Адамдын сыртынан билесиңби?

- Көрүнүп турса кантем? - деп жылмайган Жумабек жанына отурду. - Баары жайына келет, капалана бербе, ата-энеңе барабыз, Алмаш болсо окуп жатат.

- Мен да ошондой деп ойлойм.

- Эгер ошондой ойлосоң кабак бүркөбөс элең.

- Апам эртең Адинаныкына чакырыптыр.

- Барып кел, эч нерседен кабатыр болбо, мына кош бойлуусуң, эми алар эчтеке дей албайт. Мени сүйөөрүңдү айт, ажырабайм де, - деп ууртунан чымчый эркелете туруп баратып, - Мен намаз окуюн, - деп, ички бөлмөгө кирип кетти. Мадина боюнда болгондон бери намаз окубай калган, ислам дини жөнүндө китептерди көп окуйт. Ал азыр эртең апасына жолукканга кийип бараар кийимин даярдап, сүйлөшүүгө өзүн токтоо кармап, сөз камдап жатты. Жумабек анын боюна болгондон бери жакшы мамиле жасап, айланчыктап калган. Намазын бүтүп келип, экөө дасторконго отурушту.

- Мен баягыда бир тааныш жигиттин өлгөн аялынан жабыр тартып жүргөнүн айтпадым беле? - деди Мадина.

- Ийи, эмне болуптур?

- Ал үйлөнүптүр.

- Жакшы болгон тура, сен ага жакшы жол көрсөттүң да.

- Ооба, ага куранды көп окуп, аш атаганды унутпа дегемин.

- Жакшы кылгансың, дабат айтуу абдан пайдалуу сооп.

- Ал кимге үйлөнүптүр дебейсиңби?

- Кимге?

- Сенин карындашыңа.

- Жазирагабы?

- Ооба.

- Иттики, анын аялы өлгөнүн билет бекен ал?

- Балким айткандыр…

- Эмне кылабыз, насиби кошулуп калса.

- Ошондой, адегенде таңгалдым, кийин анын жолу ачылып, мурункудай кыжаалат болбой калганын сездим.

- Акылдуум десе, жүр эми жаталы, эркем.

- Мен жыйнаштырып койойун, - деп, Мадина дасторконун жыйнап, идиш-аягын жууп, шыпырып кармала берди.

- Мадина, жатпайсыңбы эми.

- Азыр жатам. - деп ашканада ойлуу бир топко отурду да, анан ордуна келип жатты. Жумабек ал келип жатаары менен кучактап алып, өпкүлөп кирди. Аялды эркектин жылуу сөзү, жалындуу көз карашы, ысык кучагы гана бакытка бөлөйт эмеспи. Жарык өчүп, шуудураган шайы жууркан ичинде көзүн жумган Мадина Жумабекти жапжаш жигиттей сезип, жан дүйнөсү эргип, карылуу кучагында балкып жатты. Эх жашоо, бирде аткан таңың күркүрөп-шаркыраган добулдуу жаан болуп жатса да бактылуу адамдын көңүлүн көккө көтөрөт. Жаркырап тийип турган күн да кээде көңүлү чөккөн адамдын кайгысын арылтууга жардам бере албай жан дүйнө түнөргөн бойдон таңды тосуп алат эмеспи. Бул дүйнөнүн кооздугу жалаң гана көңүлүң көтөрүңкү кезде сезилет. Мадина эртеси Жумабек кеткенден кийин апасына жолуугууга бармак болуп үйүнөн чыкты. Заңгыраган үйдө өзүн бактысыз сезе, апасынын алкынып урушканын көз алдына элестете Мадина бат эле сиңдисинин үйүнө жетип келди. Эшиктин коңгуроосу басылаары менен Адина ачты:

- Келдиңби? - Экөө өбүшө учурашты.

- Келдим, ким бар? - Үйгө кадам таштады, ал өз энесинин оозунан жүрөгү тилинээр сөздөрдү угаарын эстегенде ушул ирет заарканып турду.

- Апамдар бар.

- Жаңыл эжемчи?

- Ал дагы, - деп, экөө ээрчише ичкери кирип келишкенде Асылай ачуусун баса аны жаман көзү менен акшыя бир карады.

- Апа, мени кечиргиле, - Мадина апасын кучактамак болгондо ал ары түртүп койду.

- Бар ары!

- Апа, пешенеме ошону жазып койсо эмне кылам?

- Эмне, өз пешенеңди окуп ала койдуңбу? - деди акырая.

- Апа…

- Болду, сүйлөбө мага.

- Андай болсо өлгөн кыздын бири деп чакырбай эле койбойт белең? - Мадина отурбай туруп ушинткенде Асылай агынан жарылып кетти.

- Ийи, биздин унутканыбыз керек беле сага, зорго эле келдиңби?

- Өзүң, адамча жооп бербейсиң, учурашсам кабыл албайсың.

- Кабыл ала турган кылдыңбы, эрим дегениң атаңдан улуу неме дейт, элдин бетин кантип карайбыз деги, Мадина күйөөгө тийди деп кантип уялбай айтабыз?

- Айтпай эле койгула.

- Эмне, сен айылга такыр барбайсыңбы?

- Силер минтип отурсаңар жолукпай да, барбай да койом!

- Отурчу, - деди анан Асылай. Жаңыл менен Адина үндөгөн жок, алар экөөнү карап тура беришти. Эне-бала көпкө чейин айтышты, анан табышты, кучакташып бир ыйлап басылышты. Асылай көпкө тунжурап ойго чөмүлүп отуруп, анан Мадинага карады, ал жер карап:

- Апа, мени кечиргиле, силерди уят кылбайм, ал жакшы адам, беш убак намаз окуйт, мени жакшы көрөт. Ургаачыга андан башка эмне керек? Ырас бир топ улуу, куран китепти окуп баарын түшүндүм, - деди акырын гана.

- Атаң мен баргыча жинди болуп кетпесе болду, сени аерге койбо деген.

- Апа, эми кеч болуп калды, боюмда бар, Алмашты КУУга өткөрдү, колунан келгенин жасап жатат, - деп апасына жалдырай карады.

- Эмне кылайын эми, кантем, кудай ай, силерди эптеп чоңойтуп адам болсо дедик эле. Минтип экөөң тең өзүңөрдү-өзүңөр билип жүрүп атаңардай немеге чыгып алдыңар, жүргөнүңөр жаман болчу, минтип өз теңтушуңарды таппай, - дегенде Адина бир жагынан чыкты:

- Апа, менин күйөөм жаш эле, ага тийишпечи, кокус угуп калса көңүлүнө алат, - деп таарына кетти.

- Укса уксун, жапжаш туруп ылгабай жүрүп ушуга туш болдуңар, кантейин анан, аргам жок, - деп бышактап отурду. Андан кийин Мадина апасына:

- Эртең мен телефон чалам, барасыңар ээ? - деди күлө карап.

- Барабыз эле, сураары жоктой кылып алып алат да, үйүнө киргизбей кубалайт, күйөөңдү көрөөр көздүү болду деп гезитке жазыптыр го? - деди Адина.

- Өзүм айтам, мен кетейин.

- Отура тур, тамак ичип кет, - деп Асылай аны тургузбай койду эле, унчукпай отуруп калды. Андан кийин көпкө сүйлөшүп отурушуп, Мадина тамактангандан кийин үйүнө кетти. Ал кеткенден кийин Айтмырзанын аялы Турсункан келип калды, ал кайненеси менен жылуу учурашып, үйүнө барбагына таарынды.

- Келсеңиз үйгө барбайсыз. Неберелериңиздин жашоосу кантип жатат деп ойлобойсуз, барып биздин деле аздап сыйыбызды көрүп кетсеңиз боло?

- Барам, балам, барбай кайда бармак элем, - деди Асылай. - Жанагы жаман кыздын азабынан келгем, - деп үшкүрүп койду.

- Апа-а, азыр ал кыздын жашоосун көрсөңүз, ыраазы болмоксуз. Алмаш ыйлап окуйт элем деп бизди кыйнап жүрдү эле, оңой эле киргизип койду. Кадыр-барктуу киши экен, эми балалуу болуп алса анын жашоосу ханышаныкынан кем болбойт, - деп кайненесин жоошутуп жатты Турсункан.

- Ийи, ошол үчүн эле Мадинаны тим койдуңарбы?

- Анан эмне кылабыз, апа, бул кыздар деле көрдү го, жолотпой койду. Мадина болсо кетпейм деди, милиция болсо эчтеке кыла албайбыз, өз эрки менен келиптир дейт, биздин колдон эмне келет, апа?

- Алмашты окууга киргиз деп Мадина айтыптырбы?

- Ооба, экөө сүйлөшүптүр, документин дагы өзү даярдап киргизип койгонун укканда таңгалып эле калдык, - деп Турсункан чын дилинен айтып жаткан. Ал чынында кыйналган жашоодо жашап, кызына эч нерсе кыла албай атканда Жумабектин окууга киргизип койгону түшүндөгүдөй эле окуя болду. Ошондуктан күйөө бала жөнүндө жаман айткысы келбей калган.

- Айтмырза деле агасы катары барып сууруп чыкпайт беле, атасындай неменин үйүнө тим койбой, агасы туруп эч кимиси жоктой кылып койгонуңар уят эмеспи. Аялдарды тоотпосо, эки агасы эмне кылып жүрөт, Бекмырза дагы баарына кайыл болдубу? - деп жини келе Асылай келин-кыздарына кыйкырып жатты. - А сенин эриңчи, дөөдөй болгон үч эркек барса эчтеке дей алмак эмес, алдаса болот жаш башты кылган тура.

- Апа, жөн эле ачуулана бересиңби, кызың өзү каалап барып алса биздин тилибизди алмак беле? - деди Жаңыл.

- Ошо да, апа, өзүнө жакса жашай берсин, - Адина дагы кошулду. Ошол кезде Каныбек кирди, кайненесин сыйлаганга толгон тамак-аш көтөрүп кирди. Адина пакеттерин кармаша калып ашканага киришти:

- Мадина келдиби? - деп сурады Каныбек.

- Келип кетти.

- Тез эле кетип калдыбы?

- Ооба, анын күтөөрү бар эмеспи, Какы, - Жылмая өөп алды Адина.

- Туура, жаным, анын да күтөөрү бар.

- Байкуш, ыйлап кетти, апамдар аны түшүнбөй жатат.

- Акыры түшүнөт, бизге мындай тоскоолдук кылган жок ээ?

- Сен чал эмессиң да.

- Сага караганда картаңмын, сенин мага деген сүйүүң гана экөөбүздүн жашообузга көмөк берди, алтышка.

- Кой, мен ичке кирип чай куюп берейин, сен этти бузуп кой, - деп Адина ички бөлмөгө кирди. Каныбек үйгө кирди:

- Отурасызбы, апа, Мадинага жолуктуңузбу?

- Ооба, балам.

- Жездемди чакырып коюңуз, эже, конок болуп кеткиле.

- Ал келе албайт го балдар менен.

- Балдар менен келген жакшы эмеспи, биз Адина экөөбүз баланы жакшы көрөбүз, бир азга биздин Болотхан менен ойноп оңуп калат, мен өзүм ээрчитип келсемби? - деди Каныбек.

- Чалып койсоң өзү эле келип калат, убара болбо, балам, - деди Асылай да сөзгө кошулуп. - "Чакырганга келбеген ымдаганга зар болоор" деген, кызым, булар болбосо силерди ким чакырат, бири-бириңерди ошентип сыйлап жүргүлө, ынтымактуу болгула, балдарым.

- Мен азыр Марсты чакырайын, - деп Жаңыл телефон чалып күйөөсү менен сүйлөшүп, кайра келип отурду. Каныбек кайын журтун жакшылап сыйлаганга аракеттенип жан-алы калбай даярданып жатты. Анын бул аракетине Асылайдын ичи жылып кубанып отурду. Адинанын бактылуу экенине көзү жетти. Аңгыча Марс дагы келип калды, ал бакылдап бажасы менен сүйлөшүп отурганда Асылай аны жаман көзү менен карап: "Элдей болуп жашаса жерге батмак эмес, эки баласын багалбай жүрөт да сүйлөп койот, өлүгүңдү көрөйүн десе жарыбагыр", - деп алды өзүнчө. Адина тез-тез чайын куюп, ширелерден бокалдарга куюп берип сыйлап жатты. Эт бышканда колго суу куюп, табакка толтура кесме менен устукандарды ирээти менен койду Каныбек:

- Алыңыздар, тамактан алыңыздар, - деп шыпылдап жатты.

- Алып жатабыз, айланайын, аман болгула, - Асылай кыз-күйөөсүнө ыраазы боло алкап отурду.

- Бажам крутой, эми бизге бир спонсор болуп койсо базарга чыгып, эптеп биз дагы адам болуп калаарбыз, - деди Марс бакылдай. - Туурабы, бажа.

- Буйруса, жезде, мен сиздерге жардам берем, - деп Каныбек дагы агынан жарылып, чын дилинен айта жай тамактанышты. Анан жатууга киришти. Жаңыл менен Марс болсо үйүнө кетмек болгондо Каныбек аларды жеткирип келди. Томпоңдоп ойноп жүргөн Болотхан эбак эле уктаган. Адина менен Каныбек өздөрүнчө бөлмөсүнө киргенден кийин экөө кыса кучакташып, төшөктө эркелешип жатышты.

- Кана-кана, менин кичинекейим кыймылдап жатабы? - Каныбек Адинанын ичин сыйпалап, кулагын такап тыңшады. - Менин уулум чоңоюп калдыбы?

- Жо-ок, бул жолу кыз болот, эркек деп койобу деп коркуп, УЗИге дагы барбай жатам, - деди Адина кыткылыктай. - Болду эми, апам укса эмне дейт?

- Укпайт, кары кишилер эрте эле уктап калышат го?

- Менин апам менен атамдар али жаш.

- Койдум эми, кечир, жаным, атамдар жапжаш бойдон эле жүрө беришсин, - деп назик өпкүлөп жатты.

- Какы, уктайлычы.

- Менин уйкум келбей жатат.

- Чарчадың укта.

- Жо-ок, уулум менен сенин жаныңда чарчаганымды билбей да калам, мага өзүңөрдөн өткөн бакыт жок.

- Менин дагы, сенден башка бактым жок.

- Алтыным десе, мен түнкү жылдыз толгон көк асманды абдан жакшы көрөм, анткени ошол жылдыздардын жарыгы менен издеп жүрүп сага жолуккам, жаным…

- Мен дагы башынан жылдыздуу түндү жакшы көрөм, - деп Адина дагы ойлуу ичин сыйпалай көзүн жумду. - Жашоо дайыма ушундай көркөм, кооз болсо жашап өтүү арман эместир, Какы.

- Ананчы, көңүлүң кушубак болуп турганда гана дүйнө кооз, көркөм көрүнөт, жаным.

- Макул, уктайлы эми.

- Жакшы жат, - дешип жатып калды. Бул убак түн ортосунан ооп калган кез эле. Аларды Болотхандын ыйлаган үнү ойготуп жиберди, таң атып үй ичине жарык кирип калган экен. Шаша турган Каныбек өзү сүт ысытып, упчусуна куюп берди.

- Адина, таң атты тур, - деп келинчегин бир колу менен кытыгылап ойготуп кирди.

- Кеч жатпадыкпы, бир аз уктай турайынчы.

- Үйдө конок бар экенин унутпа, апам туруп калса уят.

- Аа-ай, уктата койбойсуң, - деп Адина туруп кийинди да, жуунуп келип чай койду, анан Асылай жаткан бөлмөгө кирди. - Апа, жакшы жатып, жай турдуңбу?

- Жакшы, кызым. Эмне эрте туруп алдың?

- Каныбек уктатпайт, апам туруп калды, чай кой деп.

- Айланайын, Каныбегим жакты мага, - деп Асылай күйөө баласына ичи жылыганын ачык эле айтты. - Марс мындай эмес.

- Апа, бирин жакшы, бирин жаман дебей калыс эле болгулачы, Жаңыл эжемдин көңүлү ооруп калат, балдары турбайбы?

- Ошо балдарын эмитен бага албайт, кийин кантээр экен билбейм, уялбай дагы бажам жардам берет деп койот.

- Тим кой, бири-бирин колдой берсин.

- Ошондо деле уят го?

- Уят эмес, биз башка бирөөгө жасап жаттык беле, апа? Биз бир тууганбыз, жездем менен Каныбек дагы жакын адамдар, - деп Адина апасынын сөзүн жактырбай койду. - Жуундуңбу, апа?

- Ооба, качан эле жуунгам.

- Анда чай-пай ичели, мен Болотикти кийинтип келейин, - деп Адина ашканага кирди. Каныбек уулун кийинтип кардын тойгузуп алып, жетелеп чыгып келаткан. Асылай небересин көрүп:

- Кел-келе гой, уулум, - деди колун созуп.

- Аный байбайм.

- Келе гой, мен оп-паа дейин.

- Аний, - деп атасына жашынды.

- Тайнеге бар, уулум.

- Ата-ата-а! - деп ыйлап качып барбай койду эле Асылай күлүп калды:

- Тим кой, балам, чоочуркап жатат го?

- Ошентип атат, башка кишиге такыр барбайт, - деп өйдө көтөрүп алып, бетинен өптү. - Тайне таарынып калат.

- Өзүңөргө эле кут болсун, балам, - деди Асылай. Адина дасторкон жайып, тамагын ортого койду. Тамактанып бүткөндөн кийин Каныбек жумушуна кетти, Асылай ойлонуп отурганда Адина анын жанына отуруп:

- Апа, көп капа боло бербеңиз, Мадина өзүнө туура келгенин жасады, бактысын тилеңиз. Күйөөсү жакшы, түшүнүктүү адам, иши бар, көп урушуп Мадинанын көңүлүн чөгөрбөңүз, жакында балалуу да болушат, - деди тотугуп калгандай жай гана.

- Эмне кылайын, элден уялат экенсиң.

- Уялбай эле коюңуз, белгилүү адам, аялынын үстүнө алган жок, өзү билип, өзү койот, анын эмнесине уяласыңар, уялганда ошо элиңер силерге бирдеме береби?

- Көп басып жүрүп ошол болду, айылдагылар билбейт дейсиңби? Эгерде ошол таза болуп, чириген чал алып алган болсо өлбөгөн жерде калмакмын. "Өзүңөрдө турат бир айып, кимге барам кыңырайып" дегендей сөзүм кыска да, кантейин… Асылай ушинтип үшкүрүнүп алды. Адина унчукпай калды, анткени ал дагы ата-энесин толгон түйшүккө салганын билет. Ошондуктан отурган кыз орун табат дегендей Каныбекке жолугуп калбаганда өзү кандай тагдырга туш болоору белгисиз эле. Он сегиз жаш айырмасы билинбей жашоосу ойдогудай болуп жатканына ичинен кубанып, бир жагы апасынын бул кейиштүү түрүнө өзүн күнөөлүү сезип өкүнүп алды. Ошол убакта телефону чырылдады. Терең ойго батып турган Адина селт эте чочуп ала койду:

- Алло, Мадина, угуп жатам.

- Апам жаныңдабы?

- Ооба.

- Апамдар келип кетсин.

- Ким-ким болуп?

- Өзүңөр билгиле.

- Анда апам менен сүйлөшүп, анан чалайын.

- Макул, бүгүн кечкиге "Сайран" кафесинен күтөбүз.

- Ох-хо, ошол кафеден жолугабызбы?

- Ооба.

- Макул, анан чалам, - Адина өчүрүп коюп, - Апа, Мадиналар кечкиге чакырып жатат, - деди Асылайды карап.

- Анда Турсунканга чал, эки ага-жеңеси, сен күйөөң экөөң, Жаңылды күйөөсү менен чакыр, кечкиге кеңешели.

- Макул, апа, көп болуп кетпейбизби?

- Жаш катын алган немени көрөлү да, андан дагы көп барганыбызда болмок, - Асылай ушинтти да, унчукпай калды. Кечке маал эки баласы аялдары менен, алардын артынан Жаңыл келип калды, ары кетишти, бери кетишти, акыры бирден барганыбыз туура болоор деп чечишти. Бекмырза аялы менен, кичүү келини Саадат, Адина менен Жаңыл, Асылай болуп алтоо "Сайран" кафесине жөнөштү. Алар келгенде Мадина, бир келин, бир жигит болуп күтүп турган экен.

- Келиңиздер, - деп илбериңки жигит конокторду дасторкон жайылган үстөлдү көздөй баштады. - Мен күйөө балаңыздардын иниси болом, атым Сардар, - деди ал конокторду жылмая карап. - А бул менин келинчегим, аты Сафия.

- Күйөө бала өзү келген жокпу? - деди Асылай чыйрыга.

- Ал кишинин телеберүүсү бар эле, ошондуктан кеч келет го, капа болбой дасторконго караңыздар, - деди Сафия. Үстөл үстүн абдан толтурган экен, койкойгон ичимдиктер, суусундуктар, аларга көрк берип мейиз-жаңгактар менен түрлүү конфет, алма, курма, жүзүмдөр шилекейди чуурутат. Асылай үн дей албай тамактан алымыш этип отурду, сыягы койду да сойгон көрүнөт, чагылбаган жиликтер тартылды. Жакшы сөздөрдү айтып, Сардар менен Сафия аларга чай куюп отурду. Мадина да үн-сөз жок унчукпай отура берди. Кудаларга арнап ыр ырдалды. Адина менен Жаңыл бири-бирин нукуп, апасын улам карап койот. Ошентип тамактанып бүтүп, бата кылынгандан кийин кадимкидей эле кийит кийгизилип, Асылайдын алдына эки жүз доллар койду Сардар.

- Бул эмне деген тоготпогондук, атайын келген эмес го күйөө бала, давай телефон чалып чакыргыла, - деди Бекмырза Сардарды карай. - Эгерде келбей турган болсо Мадина биз менен кетет! - деп ордунан турганда Сардар ага жай түшүндүрмөк болду:

- Сиз мени кечириңиз, түшүнүп турам сиздерди, бирок жумушунан чыга албай жатса керек, мындайда телефону өчүрүлүү болот.

- Андай болсо эртең же өзү бош болгондо чакырбайт беле, жөн эле тоготпогондук кылып жатат.

- Ооба, тоготпогону билинип эле калды. - Асылай Мадинаны жекире карады. - Өзүңдү кадыр кылбаган адамга баш кошуп, не күндү көрмөксүң? Мен мындай таштабайм, азыр биз менен кетесиң, бер кийитин өзүнө, бас үйгө кеттик! - деп ачуулуу караганда Мадина ыйлап отуруп берди. Анткени Жумабек атайы келбей койгон, агасы Абылкасымды аялы менен чакырды эле, алар кечигип жаты. Асылайлар ары тартышып, бери тартышып кафеден чыкмак болуп калганда Абылкасымдар келип калды. Көрсө, "Сайран" кафесин таппай кармалып калган экен.

- Келип калганыңар жакшы болду. Кудалар капаланып, жеңемди алып кетебиз деп чатак кылып жатышат, - деп Сардар аларды көрөөрү менен айта салды.

- Кой, куда, кудагый бул болбойт, куда-кудагыйдын сыйы бүтпөйт. "Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз" деп, Мадина бизге келин болгондон кийин биз силерди качан да болсо сыйлап алууга милдеттүү түрдө акыбыз бар, - деп алтымыштардан өткөн Абылкасым аларды кайра отургузду. Асылай отурбай:

- Бизге келин болду деп, өзү теңдүү болсо бир жөн. Атасындай болуп туруп үйүнө киргизип алса, кайра минтип өзү келбей койгону эмнеси? - деп катуулап киргенде Абылкасымдын аялы Алтын:

- Кудагый, "башка түшсө байтал жорго" дегендей күйөөсү жөнөкөй адамдардан эмес, Мадинанын насиби кошулуп калса кантесиз? Минтип балалуу болгону турушат, биз ата-эне балдарыбызга бак-таалай гана каалайбыз, жылуу ордунан козгогон болбойт, - деди аста сүйлөп.

- Ушунусу туурабы анан, атайы чакырып алып, өзү келбегени? - деди Бекмырза. Жаңыл унчуккан жок. Абылкасым аялы экөө ары айтып, бери айтып жатып, аларды кайрадан отургузуп, тамак заказ кылышты. Асылайлар болбой Мадинаны алып кетебиз деп чыр кылып жатканда Сардар сыртка чыгып, Жумабекке телефон чалды.

- Алло, Жумабек аке, сизди келбейт деп чыр кылып жатышат.

- Мадина эмне дейт?

- Ал үндөгөн жок.

- Өзү чечет, тим кой, - деп Жумабек өчүрүп салды. Сафия дагы Мадинанын төркүнүнө сый көрсөтүп, акырын сүйлөп жайгарып жатты. Алар ошентип жатканда Мадина ыйлап туруп:

- Силер минте берсеңер мен башым оогон жакка жоголом! - деп кафеден атырылып чыгып баратканда Сафия кармап калды. - Жок, мени койо бергиле, эч кимисине керек эмесмин, жоголуп кетейин.

- Эй кыз, тийген эриңе тең боло албай кимди коркутасың, ыя? - Асылай ага жини келе карады. - Кыз боозуп алып, энесин коркутат имиш.

- Апа, мен силер менен кетпейм, Жумабекке дагы барбайм, андан көрө өлгөнүм жакшы, силерге ошол керекпи? - деп көз жашын көлдөтө ыйлап, Сафиядан бошонмок болуп жулунду. - Мен эми жашабайм!

- Мадина, минтип кимди коркутам дейсиң, андан көрө күйөөңдү чакырбайсыңбы? - деди Жаңыл. - Жайында бизди эмне кылды, өзүң баарын көрүп, билип туруп ушинтесиңби, эмнеге тоготпогон эмелерге өзүңдү пас кылып жатасың?

- Президент болуп кетсе да кудай урбадыбы, анын мансабынын эмне кереги бар бизге, өз оокатыбыз өзүбүздө, анын арамдан тапкан байлыгы биздин таманыбызда жатат! - Асылай кыйкырып ийди. - Бизди тоготпогон картаң чалга мен кыз эмес, кемпир да ыраа көрбөйт элем. Болду кармабагыла бизди, сен калсаң кала бер, биз кетебиз, сенин үстүңө дагы бирди алганда билесиң, ансыз дагы ондон ашык аял алган жүзү караны кудай жазаласын! - деп болбой кафеден чыгып кетти. Абылкасым үндөбөй калды. Ээрчишкен бойдон чыгып кетишкенде Мадина отургучка отуруп алып, шолоктоп ыйлады.

- Кой, балам, ыйлабай эле кой, ачуусу тарайт, анан калыбына келет, - деди Абылкасым. Ал Жумабектин кайра-кайра катын алып, шариятка тууралап жатам дегенине жини келип жүргөн.

- Ооба, айланайын, баары орду-ордуна келет, мамыр-жумур болуп каласыңар. - Алтын жанына отурду. - Көп капаланба, балага зыян болот, акыры жеңесиңер.

- Жумабектин да акмакчылыгы болуп жатпайбы, эмнеге өзү келбейт, мынча болгондон кийин өзү келип ачыкка чыкпайбы, тоготпогонсуп келбей калса анан ачууланбай койчу беле? Кой, балам, кетели эми, - деп Абылкасым кафеден чыгып, унаасына отурду. Мадина аргасыз улуулардын сөзүнө кайыр кыла албай көңүлсүз туруп, сыртка чыкты. Үйүнө келгенде эшикти ачкан Жумабек:

- Келдиңерби? - деп тосуп алды.

- Сенде уят жок, эмнеге үйдө жатасың, адамдарга ыйманды үйрөтүп, акыл-насаат айткан адам да сендей болобу? Арам иш жасагансып үйгө бекинип алганыңа жол болсун, - деди Абылкасым ачуулана.

- Эмне болуптур, берчүнү бердиңерби, Мадина мендик болсо болду, алар кайда качмак эле? - деп Жумабек чым этип койбой ичкери карай басты. - Эч жакка качпайт, акыры көнүшүп кетебиз.

- Бирок мунуң болбойт ой, бала, аялды кол жоолуктай эле алмаштырып калдың, эми Айнура сени сотко берет, ал соо жатпайт, билимдүү келин, законду чемичкедей чагат, - деп Жумабекти тилдеп жатты. Жумабек күлүп гана тим болду. Мадина алардын көзүнчө унчукпай чай коюп кайын журтун сыйлап отурду. Ал күнү кеч болуп кеткендиктен калып калышты. Өз бөлмөлөрүнө бөлүнгөндөн кийин Мадина Жумабекке ыйлап таарынды.

- Минтип ата-энемди теңсинбеген соң мени албай койбойт белең?

- Таарынба, жаным, бир күнү алдына өзүм барам, алар мени баары бир кабыл ала албайт болчу, ачуусун баскандан кийин барабыз, төрөсөң эчтеке дей албай калат.

- Алар эми сен экөөбүздү эч качан кабыл албайт, атама айтып барса ал дагы ачууланат. Туура эмес кылдың, сабаса да барышың керек эле, сени өлтүрүп коймок беле? - деп Мадина таарынып, тескери карап кетти.

- Мадина.

- Эмне?

- Таарынбачы эми, мени кечир ээ?

- Кечирбейм.

- Койчу эми.

- Болду сүйлөбө!

- Аялым болгон соң сүйлөшөм да.

- Аялың болгум келбейт!

- Эмнеге?

- Кетем.

- Кетпейсиң, мен сени кетирбейм, - Жумабек келинчегин мойнунан өпкүлөп жибитип, таарынычын таратканга аракеттенип жатты. Мадина болбой койду.

- Мен сага да, ата-энеме да барбайм, жөн эле жоголом.

- Ал эмнеси экен, мендей алжыган чалды кечир, сенсиз мен жашай албаймын, сени кетире албайм, - деп кучактап алды. - Мени кечир, Мадина, чоң болсом дагы корктум.

- Сен чал эмессиң, чалмын десең мени эмнеге алдың?

- Койдум эми, чал эмес, жигитмин. - Жумабек күлүп койду.

- Шылтоо болду, эптеп апамды кабыл алгың келген эмес да.

- Ой чын эле корктум, жаш жигиттей делөөрүп, абдан сүрдөдүм, - деп Жумабек чын сырын айтып жатты.

- Сен мени сыйлаган жоксуң, болбосо апамды капалантпайт болчусуң, мен сени менен жашагым келбейт, мага эми сүйлөбө, уйкум келди, - деп андан кийин сүйлөгөн сөзүнө жооп бербей койду. Жумабек унчукпай жатып калды. Өзүнүн чеки иш жасаганына өкүндү. "Туура эмес кылган экенмин, жаш аял алып жаткан соң өлтүрсө да барышым керек эле. Кой бир эбин таап, таарынычын жазайын", - деп ойлонуп, уйкуга сүңгүдү. Эртеси Абылкасым аларды Жазиранын себин алып барганга чакырып кетти. Мадина сыр билгизбей жөнөтүп кала берди. Жумабек жумушуна барбай көпкө чейин үйдө отурду. Мадина болсо ашканада жалгыз отуруп алды. Аны сөзгө келтириш өтө кыйынга турду. Ооба, Жумабек баласындай немени төшөккө тартыштан уялмак тургай аны өзүнүн эркектиги деп компойсо, бир жагынан хобби катары баалачу. Экөө эки жакта ойлонуп жатышты. Жумабек акыры тобокелге келди да, акырын үйдөн чыгып баратып:

- Мен эрте келем, агамдын чакырыгына барбаска болбойт, сен даярдана бер, - деди.

- Мен сени менен эч жакка барбайм.

- Мейли барбасаң, сепке сен бар, мен агамдын үйүндө калам, - деди да, чыгып кетти. Мадина ыйлагысы келип: "Кеткенде кайда барам, күйөөгө тийсем да теңтушуңа тийбейсиңби, картаң чалга тийип алып эми үйдө төрөйсүңбү деп апам ого бетер урушсачы же аларга көрүнбөй башка жакка кетип калсамчы, анда кантип жашайм?", - деп санааркап отурганда дарбаза тарс этип ачылгандай болду. "Ким болуп кетти?", - деп эшикке чыга калса модалуу кийинген кырктардагы аял туруптур. Мадина оозун ача электе эле ал бөйрөгүн таяна:

- Ийи, көрөөр көз болуу керемет бекен? - деди кекете мыскылдай карап. - Атаңдай кишиге үй бузуп тийгенден уялган жоксуңбу?

- Эмне деп жатасыз?

- Эмнени уксаң ошол, үй бузганың жалганбы?

- Мен үй бузсам сиз кимсиз, жаңылбасам сиз деле монтаж жасап, берүүсүнө жардамдашып жүрүп, ойноштук менен тийген экенсиз го? - деди Мадина анын Айнура экенин билип.

- Оозуңа карап сүйлө, мен андай жол менен эмес, чыныгы сүйүү менен тийгем. Ал сени сүйбөйт, ысыгы, убактылуу кызыгы тараганда сени дагы таштап кетет, ошондо салбар болуп калаарыңды ойло!

- Чыныгы сүйүүбү, менимче чыныгы сүйүү эч качан эскирбейт, алмашылбайт, эгерде сизди чын сүйсө таштабайт болчу, менимче салбар болгон сиз эмессизби? - деди Мадина дагы ага чекчейип.

- Үйсүз-жайсыз, өзүңдү сатып жүргөндө бир күндүккө алып жаткан немеге жармашып алып, жылуу уяга, заңгыраган үйгө кирип алууга тырыштың да. Азыр сендейлердин башына ит чычпайт!

- Байкап сүйлөңүз, ич күйдүлүктүн дагы чеги болот!

- Чегиби, көрөөр көз болуу дурус бекен? - Күлө карады.

- Колуңузданм көрөөр көз болуу келсе катуураак кармабайт белеңиз? - Аны жылмая карады. - Ооба, көрөөр көз болуу рахат экен. Жумабек менин айтканымды аткарат, тизесине отургузуп алып беш жашар баладай эркелетип турат, желпип уктатат, каалаган тамакты өзү жасап оозума кашыктап ичирет. Сизди бир жолу ушинтти беле?!

- Шуркуялардын кылыгы мага өөн, андайга мен барбайм, а сен качанга чейин спектакль койо бермексиң?

- Мен түбөлүккө калам бул үйдө, өзүм ээ, өзүм ханышамын!

- Жакында сот болот, тиешемди бөлдүрүп алам, ошондо ханыша эмес, пол жуугуч болуп каласың!

- Жо-ок, биздин сүйүү күчтүү, үйгө сиз ээ болгон күндө дагы сүйүүбүз бизди сактап турат. Ач- жылаңач, какыраган чөлдө, бороондуу түндө, добул соккон жамгырлуу кечте болсо да кайгыртпаган чоң сүйүү романын бирге жазабыз. Ошондо ортодогу бузукулук кылган аялдын, дал сизге окшогон аялдын аты Айнура деп аталат, ал роман чындыктан алынып, негизги терс каармандагы аялдын жүзүн ачып беребиз. Өзүн сүйдүрө албай сүйүшкөндөрдү көрө албай тоскоолдук кылган аял дүнүйөгө белгилүү болот! - деди дагы күлө карап.

- Көп сүйлөйт экенсиң, сендей баасыздардын сөзү октой, өздөрү ажааткана жыттанат! - деп Айнура аны жаакка чаап ийгенде Мадина аны түртүп жиберди. Сенделектеп барып токтогон Айнура ага ызалуу карап:

- Сен таштандыга салынган таза буюмдай экенсиң, канткен менен таштанды деген таштанды, ырасы таштанды эмеспи, баары бир кайра пайдаланганга болбойт! - деди.

- Таза буюмдун кадырын билбегендер таштайт, адамдын жакшысы арзан буюм болсо да кадырын билип урунат. Буюм эмес, адамдын кадырын билбегендер өз кадырынын салмагы канча экенин да сезишпейт, - дегенде Айнура аны жек көрө карап:

- Сандалган токол, мен али Жумабек менен ажыраша элек экенимди билбейсиңби? Мен бул үйгө келгенде эжекелеп бутума жыгылып турушуң керек, уктуңбу, дагы кездешебиз! - деди да, дарбазаны каңк жаап чыгып кетти.

Мадина оор улутунуп алып, босогого шалдырап отуруп калды. "Кыз-зык, бул аял туура айтат, али ажырашып бүтө элек, мени токол дегени да туура. Ооба, мен токолмун, көрөөр көзмүн, бирок менин кадырымды ал али биле элек, ал мени жаш баладай алдап гана жүрөт", - деп, отурган жеринде нес боло көзүнүн жашы эки бетин жууп, эч нерсе билбей отурганда Жумабек кирип келди. Ал Мадинанын көрүп, чочуп кетти:

- Мадина, жаным, сага эмне болду, биерде эмне кылып отурасың?

- Айнура…

- Эмне, ал келдиби?

- Ооба.

- Эмнеге келет ал, ошонун азабы өттү, - деп Мадинаны жөлөй өйдө кылды. - Капаланба, көгүчкөнүм, жакында сот болот, анан ал биротоло келбес болот, - деп ичкери киргизди. - Эс ал, жаным.

- Ал туура айтат, сен мени токолдукка алгансың да…

- Андай дебе, жаным, сен менин өзүмдүн жалгыз аялымсың.

- Жо-ок, мен мындайга чыдай албайм.

- Чыдачы, жаным, биз бири-бирибиздин жападан жалгыз гана энчилүү бөлүгү болобуз, ишенчи, жаным.

- Эми мен андайга көнө албайм.

- Койчу эми, таарынбачы, ал ич күйдүлүк кылып жатат.

- Ичи күйсө жарашат.

Экөө алым сабак айтышып жатып, анан Жумабек Мадинаны ой-боюна койбой кийинтип алып, кафеге ээрчитип барды. Мадинанын жүрөгүнө тамак барбай мелтиреп отура берди. Жумабек ага сүйлөөдөн айбыгып карап отурат, Абылкасымдын үйүнө барышы керек эле. Үн чыгаргандан аярланып отуруп, кыйла убакыттан кийин:

- Мадина, тамактансаң боло, биздин балабызга зыян болот, жакшылап тамактан, азыр агамдыкында болушубуз керек, - деди.

- Сен эртелеп бара бер, мен бара албайм, кеч болуп баратат.

- Сенсиз барбайм.

- Барышың керек, - деп Мадина көгөрүп отурганда Жумабектин телефону чырылдады:

- Алло, угуп жатам, ага, - дегенде Абылкасымдын ачуулуу үнү угулду.

- Эмнеге кечиктиңер, даяр болуп калышпадыбы? Бол эртерээк, жок дегенде жолдон жолуккудай болгула, - деди эле, Жумабек Мадинаны карады. Ал билмексен боло терс карап кетти. - Барып калабыз, кам санабагыла, - деп Жумабек телефонун өчүрүп: - Кеттик, - деп бата кыла ордунан турду. Мадина эч нерсе дей албай туруп, артынан жөнөдү. Ээрчише машинага түшүп, сөз уланбай кете беришти. Качан гана телефон менен байланышып, жолугушчу жерге келгенде Жумабек:

- Сен азыр жеңемдер менен бар, мен акемдикинен күтөм, алар азыр келип калышат, - деди.

- Болуптур, сени эмес, ошо кишилерди сыйлаганым болсун.

- Кымбаттуум менин, мени кыйнабачы…

- Сен кыйналбайсың, бирөөлөрдү кыйноого гана уста экенсиң.

- Кимди кыйнаптырмын?

- Көп аялды, ар биринин жүрөгү сеникине окшош же сенин жүрөгүң жокпу?

- Жүрөгүм бар үчүн жашап, сүйүп жүрбөйүнбү, кымбаттуум.

- Мени мындан ары кымбаттуум дегенге акың да жок! - деп терс бурула басып баратканда ары жактан унаа келип токтоду. Мадина алар менен жөнөмөк болгондо Алтын:

- Сен барбасаң болбойт, агаңдын сени барбай турган болсо экинчи агам дебесин дегенин ук, - деди эле, кайра Мадинанын жанына салып алып, алардын артынан жөнөштү.

- Мадина, кабагыңды аччы.

- Кантип, жүрөгүмдө буюктурган ыза менен арман кыйнап жатса кантип кабак ачам, азыр мен жалгыз болгум келген, жадагалса тынчтык да бербейсиңер.

- Бул деген ызаат-сый да.

- Түшүнөм, бирок мындай учурда мага анын деле кереги жок болчу.

- Күнөө менде.

- Өзүмдө да бар.

- Эмнеге антип ойлойсуң?

- Башында бекер азгырылган экенмин.

- Өкүнбөчү, жарыгым.

- Аргам барбы, жаштык кылдым, акылым кыска жан экенимди кеч сездим…

- Капаланба, келип калдык окшойт, тигилер токтоп калды.

- Ооба, - деди да, көзүн жумду. Азыр ал Актандын алдында бир топ сынаарын билди, улгайган адам менен бирге келгени, жүрөгү каалап калган адамынын алдында чоң арман болчу. Аңгыча дарбаза ачылып Жазира менен Актан, дагы бир топ аял-эркектер чыга калды. Дарбазаны кенен ачып, жүк жүктөлгөн чоң машина ичкери кирди. Актандын көзүнө дароо эле Мадина чалына түштү. Ал Жазирадан анын күйөөсү элүү бештердеги адам экенин укканда жүрөгү сыздап чыккан. Жазираны өзү берилип сүйгөн эмес, ал эми Жазира аны жанындай сүйөт, ал бир аз кечиксе тынчы кетип, саатын улам карай берип кыжаалаттанат. Септерин түшүрүшүп, үйгө киришкенде Алтын баарын тааныштырып чыкты. Ошондо көзү-көзүнө чалдыга түшүп, экөөнүн тең жүрөктөрү ток ургандай зырп-зырп этип алды. Көздөрүн ала качкан Мадина жер карап, мелтиреп калды. Сый-урмат менен коноктошуп, кудаларды эртеси узатышты. Жумабекти көргөн Актан: "Мадина, менден неге качтың, неге өзүңө тең эмес адамды тандап алдың? Көздөрүңдөн көрүп турам, сен бактылуу эмессиң, шашпа, эртең сага сөзсүз жолугам", - деп муңайым көздөрүнөн анын армандуу экендигин сезип, узап бараткан машинелердин соңунан карап туруп көптө кирди. Арстандын абалы оңолуп кеткен жок, баягыдай эле, тамакты кээде ичсе, кээде ичпей оозун кымтып алат да, башын чайкай берет. Анда-санда гана суюктуктан бир аз жутуп жата берет. Арстандын бөлмөсүнө Жазира кирген эмес, атүгүл ал бөлмөдө оорулуу Актандын атасы жатканын да билбейт. Уккан да эмес. Кенже гана анын жанына келип, кийим-кечесин которуп, шейшептерин алмаштырат да, чыгып кетет. Ансыз дагы өлүктөн айырмасы жок немеге баары бир болчу. Бир күнү Жазира жумуштан келип, өздөрүнүн бөлмөсүнө көтөрүлүп баратканда "Аа-а!", - деген алсыз үндү кулагы чалып, кайдан чыкканын билбей токтоп калды. Кенже Умардын мектебине чакыргандан улам жетекчи мугалимине жолукканы кеткен. "Сырттан угулдубу?", - деп, кайра бөлмөсүнө кире берээрде дагы ачуу кыйкырык чыкты. Келин кулагын түрө эмелеки үн чыккан тарапты көздөй басты. Үч-төрт бөлмөнү ачып көрүп, андан кийинкисин ачты да, эси ооп туруп калды. "Бул ким, Актандын атасы болсо керек, андай болсо Актан эмнеге айткан жок?", - деп бүшүркөй кирип барды.

- Сиз эмне кыйкырдыңыз, бир нерсе керекпи? - деди оорукчан кишиге карап, өзүн карап тургандай көрүнгөн көзүнө тигиле. Үн чыкпады андан, үстүндөгү төшөктү түртүп коюптур. - Сиз кимсиз, эмнеге жооп бербейсиз, бир жериңиз ооруп жатабы?

- Ал сүйлөбөйт! - деди ошол кезде артынан чыккан Актандын үнү, келин жалт карады. - Ал көрбөйт дагы…

- Актан, бул киши ким? - деди Жазира ага карай.

- Атам.

- Качантан бери ооруйт?

- Алты жылдан бери.

- Айткан эмес элең го?

- Айтканда эмне…

- Деги да.

- Бул жакка эмнеге кирдиң?

- Үн угулганынан кире калдым.

- Эмне кыйкырдыбы?

- Ооба, - деп Жазира аны жал-жал карады. Актан шарт артына бурула чыгып кетти. Анын артынан чыккан Жазира бөлмөсүнө кирди, Актандын оозунан башка сөз чыкпаган соң өзү эч нерсе сурабады. "Ушунча жыл төшөктө ооруп жатса эмнеге ооруканага алып барбайт, колдорунда болсо бар эле экен, неге булар аны карабайт?", - деп башы ооруганча ойлоно берди. Актан дубалды карап жатып алган, анын оюнан Мадинанын муң толгон көз карашы кетпей жаны жай албай жатты. "Неге качтың, Мадина, мен сага сүйөм деп айтпаганым менен сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиңби? Эгерде күйөөңдүн улуу экенин, сага тең эместигин ошондо билсем сени алып калбайт белем", - деп ойлонуп жатканда жаман ою жок Жазира: "Оорулуу атасын көрүп койгонума капа болуп калды окшойт", - деп боолгоду. Күйөөсүнүн жанына бойлошо жатып, артынан кучактап алды.

- Мени жайыма койчу, - деди Актан.

- Актан, мага капаланбачы.

- Сага эмнеге капа болом?

- Мен ал бөлмөгө капыстан бардым, атайлап эмес…

- Эчтеке эмес, баары бир билмексиң. Биз өз үйүбүзгө кетишибиз керек, Жазира, апама сүйлөшөйүн.

- Эмнеге?

- Баары биз бөлүнүшүбүз керек да.

- Мен эч кайда кетким келбейт, сен жалгыз бала болсоң бөлүнүүнүн кереги деле жок, - Жазира Актанды кежигесинен өөп койду. - Апамды жалгыз таштагым келбейт.

- Болбойт, ал жалгыз эмес, жанында кызматчылары бар, эртең кетебиз, - деп сөзгө чекит койду Актан. Жазира анын кийинки кездерде өзүнө салкын мамиле жасаганын байкап: "Атасы үчүн капаланып жүргөн тура, жүрөгүн оорутпай эле койойун", - деген ойдо күйөөсүн кучактаган бойдон унчукпай жатып калды. Ошол убакта эшикти тыкылдаткан Зияш:

- Тамак даяр, ылдый түшкүлө, - деп кетип калды.

- Сен барып тамак ич, мен токмун.

- Мен дагы ичким келбейт.

- Күтүп калышты, барсаңчы, Жазира.

- Сен барбасаң барбайм!

- Оюңа келгенин кыла бербечи, - деген Актан аны жактыра бербей туруп, ылдый түшүп кетти. Жазира да анын артынан келип, жанына отуруп калды. Кенже бөлмөсүнөн чыгып келди, Жазира тура калып, кайнэнеси менен өбүшүп учурашты:

- Апа, кандай барып келдиңиз?

- Жакшы, кызым, Умар сабакты жакшы окуйт экен.

- Оо, анда жакшы экен, келдиби ал өзү?

- Келди, кийинип чыгат азыр, - деп тамактанып болуп, өз-өз бөлмөлөрүнө жөнөгөнү жатканда гана Умар торсоңдоп жүгүрүп жетип келди:

- Апа, тамак ичем.

- Зияш эжең азыр берет, балам.

- Умар, азаматсың, куттуктайм, - деп Жазира жаркылдай аны өөп койду.

- Рахмат, жеңе.

- Эчтеке эмес, окууңду жакшы окуу ээ? - деп башынан сылай өйдөңкү кабатка көтөрүлдү. Актан Умарга караган дагы жок, алда качан бөлмөсүнө кирип кеткен. Кенже Арстанды бир кирип көрдү да, ал ооругандан бери өзүнчө жатып жүрчү бөлмөсүнө кирип ыйлап жатты. Бүгүн ал бала кезинде бирге окуп, сүйүүсүн арнап жүргөн жигитке жолукту. Ал болгондо дагы мектептин директору экен. Экөө жолугуп сүйлөшүп отурганда бойдок экенин билди…

Актан эртең мененки чайды ичип отуруп, Кенжеге бөлүнөөрүн айтты эле, Кенже зыңгырай отуруп калды.

- Апа, мени түшүнгүлө, биз эми бөлөк турушубуз керек.

- Ал жөнүндө ойлонбо, атаң кандай абалда турганын сен кандай билбейсиң, жалгыз баласысың, жанында болушуң керек. Кокус, "жаман айтпай жакшы жок" дегендей бирдеме болсо кантебиз?..

- Апа, телефон турбайбы, чалып койсоң келе калабыз да.

- Сен жанында болууга тийишсиң!

- Ошондой ызаатка татыктуубу өзү?!

- Актан, ооруп жаткан адамдан кек алууга болобу?

- Кек ала албайм, бирок көзүм өткөнчө кектеп өтөм! - деген бойдон чыгып кетти. Бирок көчүп кеткен жок. Кабинетинде кыжаалат болуп ойлонуп отуруп, Мадинага чалды, ал көптө барып алды:

- Алло, кандайсыз, жеңе? - Актан тамашалай өзүнчө жылмайып койду.

- Жакшы, күйөө бала, кандайча чалып калдыңыз?

- Сизге жолугушум керек.

- Кайын сиңдим билип калса…

- Билсе жеңемсиз да, - Мадина Актандын күлгөнүн угуп, өзү да жылмайып алды.

- Жолукчу жер…

- Өзүң көргөн үйгө кел.

- Түшүндүм, - деп телефонду тыңшаган бойдон кубанычтуу жылмайып алды. "Сөзсүз барам, эмнеге чакырды экен, балким бир сөз айтаар", - деп шыбырай ордунан турду. Заматта кийимин которунуп, жоолугун салынды да, шашыла үйдөн чыкты. Дароо таксиге отуруп, макулдашылган жерге жарым саатта келип калды. Бөлмөнүн эшигин ачаарда жүрөксүй түштү, "Мен эмнеге келдим, балким өлгөн аялы тууралуу айтаар, дагы тынчын алып жаткандыр, ошондон улам жардам керектир?", - деп тутканы кармай бир азга туруп калды, колдору калчылдап кетти. "Эмнеге корком, жолугуп койгондун кандай күнөөсү болмок эле, жолугам да кете берем", - деп эми тутканы тартаарда:

- Эмнеге ойлонуп калдың, кире бер, - деген Актандын үнү угулду. Эшикти акырын ачып кирди:

- Салам.

- Салам, Мадина, кандай акыбал?

- Жакшы, өзүңөр кандай?

- Дурус, отур мындай, - деп Актан тамак-аш менен ичимдик коюлган үстөлдүн четинде турган отургучту жаңсай көрсөттү. - Жаман ой кетпесин, Мадина, жөн гана жолуккум келди.

- Эч нерсе эмес, көңүлгө алчу иш кылган жокпуз.

- Туура айтасыз, кел адегенде тамактанып алалы, мен сени келет деп атайын жасадым, - деп Актан күлүп койду.

- Рахмат.

- Мындан татпайлыбы? - Актан шарапты көрсөттү.

- Мага болбойт.

- Эч нерсе болбойт, бир жолу…

- Болбойт, Актан.

- Сени кайнага катуу тарбиялаган экен, - деп жылмайганы менен ичинен аны Жумабекке ыраа көрбөй турду.

- Адам бирөөнүн күчү менен эмес, өз дили менен сүйүшү керек кудайды. Мен али эч кимге баш ийип көрө элекмин.

- Суранам, бир жолу мени угуп кой, Мадина, мурда атканыма кулак какпай өз эркиң менен менден баш тарткансың, эми сөзүмдү бир угуп кой, - деп Актан андан жалдырай суранып эки рюмкага шарап куюп, бирин сунду.

- Мени кыйнап жатасың, Актан…

- Сыйлайм сени, алтурсун аялым бол дегенде болбой койгонсуң, эми бир суранычымды…

- Макул, алса алайын, тирүүдө адам көңүлүн калтыруудан ашкан жаман күнөө жок, сенин суранычың үчүн, - деп күлмүңдөй рюмканы көтөрүп алып ийди.

- Ыраазымын, сөзүмдү жерге таштабасыңды билгем.

- Көңүлүң жай болсун, - деп, Мадина эңкейе тамак ичип жатканда Актан:

- Мадина, эмнеге менин кайнагама чыгып алгансың? - деп сурады.

- Эмне?..

- Балким сүйүүңдү ага арнагандырсың?

- Эмне дейсиң, Актан, мен анын өзүн сүйбөдүм, өзүмдү-өзүм сүйгөнүмдөн ушуга бардым.

- Муну кандай түшүнсө болот?

- Мен сүйүүнү башымдан өткөргөн жокмун. Мени сүйгөн адам менден канчалык алыста экенин сездим. Ооба, ал адам жакын болсо да мен үчүн алыста, кол жеткис бийиктикте болчу. Ошон үчүн мен өзүмдү сүйүүнү үйрөндүм, адам деген эң биринчи өзүн сыйлап, сүйө билгенде гана бактылуу болот деп уккан элем…

- Мадина, сен жаңылып калыпсың, мен сенден сурандым эле го, ошондо менин да көңүлүм ордунда эмес болчу. Ошондуктан бирге жашап туралы дегенмин, бирок сени кетирейин деген оюм жок эле…

- Ал өттү, Актан, эми биздин жолубуз эки башка, жакшынакай аялың бар, менин өзүм чечим кылып чыккан никелүү эрим бар, сый болгонубуз эле жакшы эмеспи…

- Кантип ошол картаң адамга өзүңдү теңмин деп турасың, мен мурда билгенимде сени кетирмек эмесмин. Буга жол бермек турсун сени анын алдына ээрчитип барып үч талак сурамакмын. Уктуңбу, Мадина, сени ага ыраа көрбөйм, азыр дагы сенде көңүлүм бар! - деп Актан кызуулана муштумун түйө күйүп-бышып сүйлөп жатты. - Жаш өмүрүңдү картаң эш-шек менен өткөргүң келеби?

- Актан, абайласаңчы, жашоо оюнчук эмес, мен сен ойлогондой андан чыгып сага келе албайм, андай ойду башыңдан айдап сал, - Мадина ордунан турду. - Эмесе жакшы кал, Актан.

- Сен мени кечир, Мадина, отура тур, мени мындай абалда таштаба, - деп Актан аны билектен кармады.

- Жок, Актан, кала албайм!

- Эгерде азыр сөзүмдү укпасаң мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм!

- Жинди болбо, Актан.

- Сен жинди кылып жатасың.

- Баланын, токтоло элек баланын сөзүн айтпасаңчы.

- Менин отузга келген кезим, демек баарын талдап айтып отурам.

- Жазиранын жүрөгүн жаралаганың туура эмес.

- Жараланбайт!

- Эмнеге?

- Ал экөөбүз үчүн жашоонун кызыгы калбай калган сыяктуу.

- Бул сенин сөзүңдүр, Жазира өзүн бактылуу сезип жүргөндөй көрүнгөн. Сени жан дүйнөсү менен сүйүп, турмушка чыккан адамдын үмүтүнө суу сепкендей кылуу адамгерчиликке жатпайт, ар бир адамдын сезимин өзүңдүкүндөй баалай билишиң керек.

- Мадина, мен Жазираны сүйбөйм!

- Койчу?

- Ооба, өзүмдү алаксытып көнүп кетээрмин дегем…

- Жашоодо артист болуп роль ойноо оңой, бирок турмушуңда андай кайдыгерликтин кереги не? Актан, эсиңди жый да, кеч болуп кала электе үй-бүлөңдү сакта, - деп Мадина чыгып кетти. Актан башын мыкчаган бойдон отуруп калды.

- Байкуш, мени аяп, сүйүүсүн жүрөгүнө катып, картаң адамга өзүн салып бергенин кара! - деп тынчы кетип көпкө отурду, ал күнү ошол жерде калып калды. Кенже баласынын үйгө келбегенинен улам тынчы кетип кайра-кайра телефон чалса өчүрүлгөн деп какшанып жатты. Жазира андан бетер чалып ала албады. Түнү бою кирпик какпай жатып, эртең менен эрте туруп, өзү билген үйгө такси менен жетип келди. Кирип келип чечинбей жатып алган Актанды көпкө карап турду. Четтеги үстөл үстүндөгү тамак-аштын калдыгын, шарап куюлган рюмкалар менен жарым-жартылай бош бөтөлкөнү көрүп, "Ким менен ичти экен? Эркек менен ичсе эчтеке калмак эмес, бул жерде аял болгон тура. Менден качып келип, бирөө менен жолугушуп жүрөбү? Мени өзүм келе бергеним үчүн алган го, мага сүйөм деп бир жолу да айткан эмес, жашыруун сүйгөнү болсочу", - деп ойлонуп турганда Актан башын көтөрдү.

- Сен эмне, мени аңдып келдиңби? - деди сүйүңкүрөбөй.

- Эмнеге андай ойлойсуң, сенин үйгө барбаганыңдан улам кабатырландым…

- Ойлонбой эле кой, мен өлбөйм.

- Ким менен ичтиң?

- Анда ишиң канча?

- Сурадым да…

- Кечээ Эрнис экөөбүз жолугуп калдык, анан ичкибиз келди.

- Аял киши келгендей го, силер бир бөтөлкөнү түгөтмөксүңөр, аял ичкен эмес, мына көрүнүп турбайбы?

- Жазира, мен актанбайм, кандай ойлосоң ошондой ойло! - деп жатып алды. - Мен бүгүн жумуштан кийин үйгө барам.

- Өзүң билесиң, Актан, мен дагы жумушка кетейин же чай кайнатып берейинби?

- Кереги жок, ашканадан ичип алам.

- Макул, мен кеттим.

- Жакшы бар, - деп коюп кала берди Актан. Жазира ызалуу, көзүнөн жашы кылгыра аялдаманы көздөй кетип баратты. "Неге мен ага өзүмдү таңуулагандай көрүндүм, эмнеге ага бара бердим? Чынында аны сүйүп калгамын, таанышууга далалат кылдым, тилегиме жеттим, анын аялы болдум, келин болуп үйүнө бардым. Бирок эмне таптым? Салкын мамиледе келе жатабыз. Жакшы сүйлөп, кучагына кысып, өөп койсо жүрөгүм жарылчудай кубанып, жан дилим менен ага берилип жашоого бет алдым. Ал мени өрт арала десе да, дарыяны кечип өт десе же бийик зоодон өзүңдү ташта десе да даярмын, бирок анын башка аял менен мамиле куруусуна чыдай албайм", - деп ойго бата аялдамага жеткенде Актан жолдон өтүп кетти. Ал Жазираны көрдүбү же көрбөдүбү, көрсө да байкамаксан болдубу, аныгын биле албай томсоро жумушуна түз барчу унаага түшүп кетти. Кечинде Актан эч нерсе болбогондой үйгө күлүп-жайнап кирди. Ойноп жаткан Умарды мурдунан чымчый:

- Кана, иним, ойнобой сабак окубайсыңбы? - деп койду, аны угуп турган Кенженин жүрөгү тыз этип алды.

- Өзүңө имербей иним дегениң эмнең, баланы имергениң дурус болоор, уулум, өмүр бою эле кашыңарда жүрө албайбыз да.

- Инимди ини дебегенде кантмек элем, апа, сен багып жаткан соң иним да, - деп күлө карады Актан. Бул көз карашта өкүнүч толгон ачуу чындык турганын сезди эне. Жүрөгү тилинип кеткендей болду, жооп айтууга тили күрмөлбөй калды. Эне-бала гана билген бул сырды Арстандын ата-энеси, тууган-уругу же башка бирөөлөр билген жок. Ал сыр эки адамдын жүрөгүн жаралантып койгон эле. Үстүңкү кабаттан түшүп келе жаткан Жазираны көрүп Актан:

- Оо, келип калдыңбы, айым, а мен сенден кеч келдим, айыпка жыкпайсыңбы? - деди күлө алдынан тосо бетинен өөп.

- Айыпка жыгаар күнөөң болсо даярдана бер, - деди Жазира.

- Келгиле, балдар, тамак даяр! - деп Кенже аларды чакырды.

- Баратабыз, апа, биз идеальный пара экенбизби? Келиниң мени тигил үйгө түнөп калганым үчүн айыпка жыгам деп атат.

- Койгула, үйлөнгөнүңөргө үч ай зорго болду, акыйлашпай ынтымактуу жашагыла, отур эми, Зияш тамагын даярдап, күтүп жатат.

- Мен Жазираны жакшы көрөм, туурабы, Жазира? - деп күлүп койду Актан. Анан үстөлгө отурушту. Үндөгөн эч ким болбоду, унчукпай тамактанып алып, өздөрүнчө бөлүнүштү. Жатаарда Кенже күйөөсүнүн үстүнө кирди, жанына отурду.

- Тагдырыңдын ушундай болоорун билген болсоң ката кетирет белең? Балаңдын жүрөгүнө жууса кеткис так калтырып коюп, тирүү өлүккө айландың, үй-бүлөгө бактысыздык алып келдиң. Бир өзүң эмес, бизди кошо кыйнадың, үйүбүздө күлкү жаңырбай алты жылдан бери аза күткөндөй жашап келебиз, балаңдын жүзүн кароо мен үчүн канчалык оор экенин билсең эмне? Мен сени жек көрөм, Арстан, дем алып жатканың менен өлүктөн айырмаң жок. Бечара, кесел адамдан өч алгым келбейт, болбосо өз колум менен өлтүрөөр элем, - деп кунарсыз көздөрүнө тигилди. - Уктуңбу, Арстан, мен сени жек көрөм, жек көрөм, жек көрөм! - деп керебеттин кырына башын жөлөй ыйлап жатты. Арманын, буюккан бугун чыгара буркурап, үн чыгарбай боздоп жатты. Жакында анын жашоосунда өзгөрүү болоорун сезип, ал Арстан менен коштошуп жаткан. Бир үйдө турса дагы ага бир аялды жалдаганга сүйлөшүп койгон болчу. Умардын мектебине барып, жакшы таанышы Кубатбек менен жолукканда ал телефон номурун алып калган эле. Мурда кат алышканы менен сүйлөшкөн эмес. Кийин телефон чалып, жолугууга чакырды. Экөө жолугушуп, кафеде отурушканын көз алдына келтире Арстандын ыркынан чыкпай өмүрүнүн өтүп кеткенине өкүнүп турду. Жолугушуу эртеңкиге белгиленген.

Бөлмөсүнө кирген Жазира Актанга карады, ал диванга жатып алган болчу.

- Сага түн ичинде, күндүзү жолдон атайылап жолугуп, өзүмдү таанышууга түрткөнүм үчүн өкүнөм, балким сага өзүмдү таңуулагандырмын.

- Эмнеге минтип сурадың?

- Сен мени чын дилиң менен сүйгөн эмессиң…

- А мен сага сүйөм дедим беле? - Актан башын көтөрө мылжыйып койду. - Чын эле ошенткеним эсиңдеби?

- Өзүм кыстаганда бир айткансың.

- Ишенбеш керек болчу.

- Мени шакаба чеккиң келди беле?

- Андай ой болгон эмес.

- Билмексен болбо, кечээ күнү башка аял менен болуп алып, мени жактырбаганың кандай?

- Обу жок кызганганды жактырбайм.

- Анан эмеге мени маскаралап жатасың? - Көзүнөн жаш куюла карады. - Мени эчтекени сезбей калды дейсиңби?

- Сезгич болсоң оюңдагыны жаса!

- Анда мен эртең кетем.

- Жашагың келбесе кармабайм.

- Чын айтып жатасыңбы?

- Оюну жок.

- Анда болуптур, - деп Жазира төшөктүн четине жатып алып көз жашын көлдөттү. Актан көптөн кийин бери оодарылып, аялын кучактап бооруна кыса аймалады.

- Таарынганың себепсиз, Жазира, анча-мынчага чыдаш керек. Менде кандай ой бар экенин билбейсиң да, болбосо минтип айыпсыз айыптамак эмессиң, - деп Актан ички бугун чыгара айтып, аялынын көңүлүн жайгарды. Ошентип экөө кайрадан ынтымакташып калды. Ойлоп көрсө аны чын дили менен сүйбөптүр. Мадинаны бир көргөндө эле жактырган, анда Айзаттан бир кабар болсо анан ачык айтам деген. Андан кийин өлгөнүн билди, өзүн жакшы колго ала албай жүргөн кези болчу. Мадинаны өз эркине койду, маданиятсыздык жасабады, баса калып жан кумарын кандырып басып кеткендерден эмес болчу. Анын оң жообун уккусу келген, бирок ал калууну туура эмес көрдү. "Катуу айткан экенмин, эмнеге акча төлөйм, контрактка кол кой дедим экен, ойлобостон ооруга чалдыктым", - деп Жазираны кучактап жатып, көз алдына Мадинанын жылмайганы, көз карашы тартыла уктап кетти. Катуу уктап калган экен, аны Жазиранын кубанычтуу үнү ойготуп жиберди:

- Актан тур, атамдар бизди чакырып, төркүлөтөм дейт, - деп түрткүлөп жаткан.

- Чакырса чакыргандыр, анан деле айтат элең го, бир азга уктап алайынчы, - деп Актан көзүн ачпай чүмкөнүп алды.

- Жумушка барасыңбы?

- Барам.

- Анда тур, бирдеме ичип алып, жөнө.

- Койо тур эми, чогуу барабыз.

- Мен өзүм эле кетем, а сен тамагыңды ич, - деп Жазира күйөөсүн чекесинен чоп эттире өөп, бөлмөсүнөн чыгып кетти. Ооналактап көпкө жаткан Актан зорго турду, үстүңкү кабаттан түшүп келип жуунду да, жумушуна камынды. - Жүр, кеттикпи?

- Азыр, - Жазира унчукпай чыга жөнөдү. Актан унаасын кафеге токтотту, экөө таңкы тамакты ошол жерден ичип, жумуштарына бөлүнүп кетишти. Иш ордуна келип отураары менен жин тийген немедей каткырып алып, кайра томсоруп отуруп калды. "Мен жашоодо бактылуу болууга акым барбы же өзүмдү-өзүм алдап жүрө беремби? Аялдар азгырык дешет, азгырыкка алдырып өмүрүмдө бөксөм толбой, көксөөм канбай жашап өтөмбү?", - деп ойлонду. Ошол күнү ага атасына кол салган кырктардагы адамдын ишин кароо тапшырылды. Эт-бети менен киришип, тескеп отуруп, атасынын күнөөсүн аныктады. Көрсө, жаш кезинде атасы ал баланын төрөлүшүн каалабай апасын таштап кетип калган экен. Арадан жыйырма жыл өткөндө атасы экенин билип таап келет, ага апасынын каты күбө. Жашоосу ойдогудай, бала-чакалуу адам аны салкын кабыл алат. Бул кезде жигиттин апасы өлгөн болот. Жигиттин окуюн десе шарты жок. Атасына барса аялы алкынып:

- Кайдагы бир никесиз төрөлгөн немени балам деп үйгө киргизип алдың, аныңды кетирбесең сен да бара бер! - дейт күйөөсүнө.

- Никесиз болсо да балам экенине өзүң күбөсүң, аны менден ажыратып, мага тийгениң эсиңден чыгып кеттиби?

- Никеси жок дебей эмне дейм же нике кыйганыңарды мен көрдүм беле. Менин никеден төрөлгөн балдарыма зыяны тиет, бул үйдөн кетсин, - деп кеп жебей уруша кетет. Добул аялынын ажаандыгынан улам Бактыбайды үйдөн кетирүүгө аргасыз болот. Ал атасынын бул мамилесине өчөшүп калат. Ошондо Бактыбай туура жыйырма жашта экен. Арадан эки жыл өткөндө атасына барып, үйлөнөөрүн айтат. Жалгыз апасы экөө жашаган үйдө эчтекеси жок болгондуктан, жардам сурайт. Анда дагы өгөй эне жолотпой койот, атасы лам дебей кайра өзүн күнөөлөп жолго салат. Акыры Бактыбай өзүнө ылайык бечара жердин кызына үйлөнүп, күч күйөө болууга мажбур болот. Бирок аялынын түшүнүгү дагы кыска болуп, аны басмырлай берет. Ошентип ажаан аялынын уу тилине чыланып, үч балалуу болуп, күн кечирет. Колунда эчтекеси жок, айласы кетип, атасынын айылына барат да, атайын короосуна ууруга кирип, бир жылкысын уурдап сатып жиберет. Ал билинбей калганда дагы барат, үчүнчү жолу барганда аны коңшусу таанып калып, Добулга айтып койот. Ал ачуусу менен өзү билген үйгө барып, Бактыбайга жолугуп, сөгүп-сөздөп каматаарын айтып кетет. Бул кезде арадан дагы он жылдай өтүп кеткен эле…

Ал кеткенден кийин аялы булкулдап кирет, Бактыбай үндөбөй кутулат. Анан ойлонуп отуруп, түз эле атасынын үйүнө барат:

- Сен менин никесиз төрөлүп, турмуштан өз ордумду таба албай калганым үчүн да күнөөлүүсүң. Бул дүйнөдө балам деп атабасаң да өз күнөөңдү сезип, уялсаң боло. Мен сени баары бир кечирбейм, сен ошол үчүн жооп бересиң.

- Келжиребей барчы, иштеп тап кыйын болсоң, мен сени тааныбайм дагы, - дейт Добул.

- Көрөөрбүз, "балам", - деп айтпаганың үчүн сенден бир өч алам, - деп Бактыбай сөөмөй кезей чыгып кетти. Ошол бойдон эч кимиси кабар албай калат, Добул дагы милицияга бербейт. Бактыбай жетип-жетпеген турмушта балдарын эптеп чоңойтту. Өзү мындай жашоодон тажап да, зээни кейип да, өзүн балам деп атагысы келбеген ата сөрөйүнө катуу нааразы болуп жүргөндө анын үй-бүлөсү жөнүндө гезиттен окуп калат. Анда Добулдун алтымышка толуп, дүңгүрөтө чоң той бергени жөнүндө айтылган эле. Бактыбай анын беш баласынын ар кайсы жерде чоң кызматтарда иштегенин билет. Бактыбай жөнүндө айткан эч ким жок, жалаң өз балдары жөнүндө сөз болгон. Ошондуктан Бактыбай: "Менин никесиз төрөлүп, бактысыз жашоодо өмүр сүргөнүм үчүн сен гана күнөөлүүсүң, жок дегенде бир жолу балам деп өз милдетиңди өтөбөгөн соң жазаңды менин колумдан тартышың керек. Сени мен өз колум менен өлтүрөм", - деп кекенип, аялына билгизбей бир күнү үйүнөн чыгат дагы Добулга барат. Аны алтымыш жылдык мааракеси менен куттуктаган болуп үйүнө түшөт. Добул аялы жана үч небереси менен эшигинин алдында чарпаяда отурган.

- Ассалому Алейкум, - деп Бактыбай сыр билгизбей салам айтып барат, койнунда бычак бар болчу. Эгерде атасы ушул жолу жакшы кабыл алса, жумшак неме унчукпай калмак. Анкендин ордуна аялы экөө тең көрөөр замат сүйбөй ары карап кетет. - Алтымыш жаш мааракеңиз кут болсун, ата.

- Сени ким чакырды? - деди Добул ага заарын чача.

- Акыры балаңызмын го, келбей койо албадым.

- Сени көрөйүн деген көз жок, кандай келсең ошондой жолуңа түш, экинчи бул үйгө жакындоочу болбо!

- Эмнеге, алгачкы махабатыңыздан жаралган балаңызмын, моюнуңузга алып, балдарыңдын катарына кошпосоңуз да келүүгө менин милдетим бар, - дейт Бактыбай. Добулдардын дасторконунда эмнелер гана жок. Бактыбай өзүнүн дасторконуна мындайды өмүрү коюп көрбөгөнүн ойлоп кыжыры кайнады. Анан Добулду эмес, аялын күнөөлөп заматта жырткычтай териси түктүйө койнунан бычакты алып, аялын көздөй тап берип, эми жетээрде Добул:

- Жинди болдуңбу? - деп тосо калды. - Эсиңе келчи, ай бала!

- Мени төрөлө электе таштап, апамды санаадан оорукчан кылган ушул аял, мени бала катары кабыл алдырбай өмүр бою кордогон да ушул. Мен бул аял экөөңдү тең жок кылып, анан өзүмдү өзүм өлтүрөм, балаң экенимди мойнуңа алмайынча кыйнап өлтүрөм.

- Эсиңе кел, менин балам эмессиң!

- Эмнеге? - деп Бактыбай колундагы сүрөттөрдү ага ыргытты. - Бул сүрөттөр баарына күбө!

- Ой бала, азыр кетип кал, соттолуп кетесиң.

- Сен соттотсоң ыраазымын, бирок балаң экенимди айтып анан соттотосуң, - деп жулунган бойдон үрпөйө карап турган аялына жетээрде Добул дагы астын тороду. Катуу шилтенген бычак Добулдун ичине кирип кетет. Ошондо алаңдай түшкөн Бактыбай: "Эми соттолсом дагы мейли, менден денесине так калганы өлгүчө өзүн кыйнап өтсүн", - деп милицияга өзү барган. Арызды жазганда башынан бери жазып келип: "Менин да атам болгондон кийин аталык милдетин аткарууга тийиш эле, бул болсо өмүр бою мойнуна албай келди, ошондуктан мен андан өч алмак болдум", - деп жазган экен. Актан ойлонуп отуруп, Бактыбайга жолукмак болду. Добул ооруканада экен, бычак ичине чала тийип, этин тешип барып, ичегилерге жеткен эмес. Аялы болсо бакырып-өкүрүп, тынчын алган бул жексурду жоготушун суранып, арыз жазып кеткен. Бактыбай өмүр бою катып келген катты аялынан алдырды. Ал апасы менен Добул экөөнүн ортосундагы сүйүү каты эле. "Салам, Акжамал, мен сени сагынып кеттим, атам сакайып кетсе эле сөзсүз барам, дүйнөдө жалгыз гана өзүңдү сүйөм. Кандай тоскоолдуктар болсо да сага үйлөнөм. Ошондо биз бактылуу болобуз, балдарыбызды жакшы адам кылып тарбиялайбыз. Камыкпа, жаным, мен сени сагындым, көрүшкөнчө Добул. 1972-жыл. 8-май". Акжамалга арналган экинчи каты азыркы Калима менен таанышып калган учурда жазылыптыр. Акжамалдын үч айлык боюнда бар экенин билгенде жазганы белгилүү болду. "Жаным, Акжамал, мен атамды багып жатам, окуумду да таштадым. Апам бир жыл мурда каза болуп, карай турган эч ким жок. Мен жалгыз баласы болгондуктан, багууга тийишмин. Атам бир аз эле сакайып кетсе мен сага үйлөнүп, экөөлөп атамды карайбыз. Мага капаланбачы, Акжамал. Мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, - деп бетиңден сүйүп Добул. 1972-ж. 19-август". "Мен сенин катыңды алдым, Акжамал, атамдын абалы күндөн-күнгө оорлоп, жакшы болбой жатат, жанынан чыга албайм. Ооруканадан чыгарып койду, дагы канча күттүрөм билбейм, аман-эсен жүр, баланы эптеп жарыктыкка алып келсең, ага чейин мүмкүн барып калаармын", - деп жазган бойдон андан кабар болбой аргасыз апасынын жанында төрөгөн экен Акжамал.

Актан бул каттарды жанына салып алды да, ооруканадагы Добулга жолукканы барды. Ал керебетте жаткан эле:

- Саламатсызбы?

- Саламат, балам, кел.

- Мен коргоочумун, Орозбаев Бактыбайдын коргоочусумун.

- Аны коргогондо эмне, - деп Добул терс карап кетти.

- Эмне, түз эле кесип жибериш керекпи? - Актан жылмайып койду. - Көрсөтмөнү кандай бересиз? - Абышканы сынай карады.

- Кайдагы неме сенин балаңмын деп жыйырма жылдан бери жабышып алды, каматкандан башка аргам жок…

- Сиз Артыкбаев Добулбек Сакеевичсизби?

- Ооба.

- Чыны менен Орозбаевге катышыңыз жокпу?

- Жок деп жатпаймынбы? - Добул бери бурулуп, жигитти олурая карады.

- Абылаева Акжамалды таанычу белеңиз?

- Жок.

- Такыр көргөн эмес белеңиз?

- Жок…

- Бул сиздин колуңуз менен жазылган катпы? - Актан делонун ичинен катты алып, Добулга сунду. Добул колдору калтырай катты кармаган бойдон сүйлөөгө дарманы келбей көпкө үнсүз жатты. Эми Актанды олураймак турсун тике карай албады. - Сиз жаздыңыз беле?

- Бул чындык, мен туура эмес кылдым. - Добул көзүнөн жашы куюла үшкүрүп алды. - Мен жаңылдым, балам, катуу жаңылдым. Ошондо өлсөм болмок, күнөөмдү мойнума алам, аны эмес, мени соттогула, - деди ары карап жаткан бойдон күңгүрөнө.

- Демек балаңыз экенин моюнуңузга аласызбы?

- Алам…

- Күнөөлүү деп чечтиңизби?

- Жок, күнөө менде.

- Анда кандай чечебиз, Калима деген сиздин аялыңызбы?

- Ооба, мен док кылбайм.

- Эмесе эртең Орозбаев Бактыбайды сиз менен жолуктурам, иши сотко аша электе бир жыйынтык чыгарышыбыз керек, аялыңыз арыз жазыптыр.

- Баары ошонун кесиринен болду, - деди Добул күнөөлүүдөй оор дем ала. - Мен алда качан мойнума алышым керек эле…

- Жакшы болуп кетиңиз, - деп Актан палатадан чыгып кетти. Ал үйүнө келип, чарчагандай бөлмөсүнө кирди, Жазираны ала келүү да эсинен чыгып кетиптир. Бөлмөсүндө жатып уктап калды. Түшүнө Айзат кирип жатыптыр, ал мурдагыдай жакын жерден эмес, алыстан элес-булас гана көрүндү. Актан анын Айзат экенин сезип: "Айзат, сен эмнеге көрүнбөй кеттиң?" - деди. "Мен сенден алыстамын, Актан, сенде күнөө жок, бир гана түбөлүк жар болчу адамды тандай албадың, сен ойлонбой иш кылдың. Кайдыгерлик адамдын жоосу экенин түшүнсөңчү. Сенин жашооңдо дагы өзгөрүү болот, аялың сенден биротоло өз эрки менен кетет. Сен тээтигил мен көрсөткөн кызга жолугасың, эсиңден чыгарба, мен сага ар дайым жакшылык каалайм, кабатыр болом", - деди да, бир жакты көздөй ээрчитип жөнөдү. Анан бир заңгыраган үйгө алып келди. "Мына бул үйдө сени бактылуу кылчу адам бар, эми жаңылба, жаңылба", - деп үнү жаңырык болуп барып, элеси таңкы тумандай эрип жок болду. Чочуп ойгонду. Жүрөгү лакылдап, кекиртегине кептелип калыптыр. "Кызык, мен Жазира менен ажырашып кетемби, ал менин мамилемден улам кетип калабы?", - деп шыпты тиктеп көпкө жатты. Аңгыча Жазира кирди:

- Эмнеге эрте келдиң?

- Ишим ошондой болду.

- Аа-а, жактаган адамыңа жардам бере ала тургансыңбы?

- Албетте, ал соттолбой кутулат.

- Кантип, ал адам өмүрүнө кол салган тура.

- Өзөгү тереңде экен.

- Ошондой де.

- Өзүңдүн иштериң кандай?

- Ойдогудай, Назира мени менен келди, жүрү ылдый түшөлү, ылдыйда отурат.

- Макул, азыр түшөм.

- Тез түш, - деп Жазира чыгып кетти. "Сиңдиси келсе учурашып коюшум керек", - деген Актан ыргылжың боло түшүп барып, балдызы менен учурашты:

- Салам, Назира.

- Кандайсыз?

- Жакшы, акыбал кандай?

- Алынча.

- Канча адамга калыстык кылдың, же соттотуп жатасыңбы? - деп отуруп жатып күлө карады.

- Күнөөлөрүнө жараша.

- Калыс болуп, адам өмүрүнө жеңилдик алып келүүгө тырышканың жөн. Кээде эч күнөөсүз эле соттолуп кетишет, ал паракорлуктун айынан. Крутойлорду жактасаң чөнтөгүң толот, ошого көнүп алсаң оорулуу болосуң да каласың.

- Кандай-кандай, түшүнбөдүм?

- Алган паранын оорусу, акчага азгырылба дегеним.

- Аа-а, менин ишим ким жалдаса бара бермей.

- Күнөөлүү-күнөөсүзүнө карабай элеби?

- Жок, жезде, өзүмдүн ак эмгегим менен тапкан маянамды алып жатам.

- Акыл эмес, кеңешим, Назира, биздин кесибибиз бирдей болгон соң бири-бирибизден кеңеш алууга мажбурбуз, туурабы?

- Туура, сизди түшүнөм, - деген Назира Актандын айткандарын таразалап отуруп калды. Ал чынында терс каармандарды жактаганга жакыныраак эле. Ушул кезде күнөөсү ачылгандай кызарып турду.

Бабырашып бир дасторкондо отурушканда Кенже келди. Алар менен учурашып, анан өйдө чыгып кетти. Ал эртеден бери үйдө болгон эмес. Кубатбек менен жолугушуп, кафеде отурушту, андан кийин ээн жакка барышып шаркыраган суу боюнда көпкө жүрүштү.

- Кенже, сен ошондо өзүң каалабаган адамга турмушка чыгууга кантип макул болдуң?

- Анда мен өтө жаш экенмин, атам өтө катуу адам, ага каршы чыгууга менде кудурет жок эле…

- Ошентсе деле экөөбүз бири-бирибизди сүйчү эмес белек?

- Ооба, ошондон ушул күнгө жүрөгүмдө сен, жашоомдо Арстан жашап келди.

- Дагы эле баягыдай жакшы көрөм, ырас сенин турмушка чыгып кеткениңди аскерде жүрүп уксам да ишенбедим. Унута албай азап чектим, аскерден келгенден кийин окудум, мугалим болуп иштеп жүргөндө атам үйлөн деп кыстады. Апам айылдагы медсестра кыздын ата-энесине сүйлөшүп коюптур, ала качып жашап калдым, үч балалуу болдук. Бирок сен менин жашоомдогу эң жакын адамым катары ар убак эсимде болдуң. Мен жакшы күйөө, мээримдүү ата болууга тырыштым…

- Өткөнгө өкүнгөндө не пайда, Кубат? Агын суудай аркыраган жылдар жүзүбүзгө из салды. Жүрөктөр оор нерсени көтөрө албай ооруп турган убак, зырп-зырп эткен сайын өмүрдүн кечи жакындап, жашообузга күүгүм кирээри белгилүү эмеспи. Бир жаралып, бир өлөбүз, анан бир гана жолу турмуш курабыз. Эмнеси болсо да өмүрдө өкүнүүгө акыбыз жок, себеби балдарга татыктуу эне-ата болуудан өткөн бакыт жок деп эсептейм.

- Туура, Кенжеш, бирок өмүрдө канаты сынып, учууга жарабай калган куштай, жан дүйнөң бош болуп жашоодон өткөн азап жок экенин билсең кана?

- Билем, Кубмат, баары башымдан өттү, мен катарынан кала берген карлыгачтай өмүр сүрдүм. Ата-энем мени бактылуу деп ойлошоор, бирок тузу жок аштай супсак өмүрдү башымдан өткөрүп жатканымды алар сезишпейт дагы…

- Карылгачым, жоготкон махабатым, - деп Кубатбек Кенжени кучагына кысты, бир жерин оорутуп албас үчүн абайлап кысты. Куду гүлдүн бутагын сындырып албаш үчүн аярлап кармагандай бош, бирок жүрөктөрү дүк-дүк этип, бири-бирине угула кучакташып турушту. Ушул саамда араларынан отуз жылдай өтүп кетсе да бири-бирин чындап сүйгөн эки жандын өкүнүчтөрү жүрөктөрү аркылуу өтүп жаткандай болду. Үнсүз канчага турушканын сезишкен да жок. Тек бири-биринин эзелтен сагынышкан жытына магдырай тура беришти. Тээ бир топтон кийин Кенже андан бошонуп:

- Кетишим керек, Кубат, - деди жер карай эки колун ушалап.

- Бир аз тура турчу эми.

- Кеч болуп баратат.

- Барасың да.

- Кетели…

- Сен мени бир жолу таштагансың, Кенже, эми таштай албайсың.

- Эми болбой калды го, биз бөлөк-бөтөн адамдарбыз.

- Жок, айрылыш жолдор акыры бир багытка карай баратып, кошулууга тийиш. Кыстабайм, Кенжеш, түбөлүк күтүүгө даярмын.

- Бала болуп кетпе, азыр сенде да, менде да бала бар, аларга өз ата-энелери гана ыйык экенин унутпа. Бизди кабыл ала алышпайт. - Кенже унааны көздөй басты. - Биротоло жолукпай калганда эмне…

- Кудай бизди татаал мезгилде жолуктуруп сынап жаткан чыгаар?

- Таң, баары бир жүрөктөгү курчтуктун мизи кайтканда, сүйүүлөр эскирип жалыны өчкөндө жолугуу канчалык оор. - Кенже унаанын арткы орундугуна отурду. - Кетишибиз керек, Кубат.

- Айла канча, кетүүгө туура келет. - Кубат ийинин куушура алакан жайып, рулга отурду. - Бүгүнкү күн үчүн сага рахмат.

- Сага дагы. - Экөө андан кийин унчугушпай зымыраган жолдо өз ойлору менен алпурушуп келе беришти. Араларынан канча жыл дал ушул жолдой зымырап өттү, купуя сакталган бул сыр экөөнүн жашоосуна көлөкө деле түшүрбөдү. Тек мите курттай жеп, ден-соолукка зыян болгонун алар сезип турушту, айрыкча Кенженин бул арманына күйөөсүнүн окуясы кошул-ташыл боло катуу тийип, жүрөк оорусуна дуушар кылганы белгилүү эле. Жеткенче үндөбөй келип, Кенженин үйүнө жетпей жайлата:

- Үйүңө жеткирейинби? - деди Кубатбек.

- Жок, ушул жерге токтото бер.

- Көрүшкөнчө, Кенжеш.

- Кездешкенче… - Кенже артына кылчая салааларын акырын кыймылдата колун билинер-билинбес көтөрүп коюп, дарбазадан кирип кетти. Кубатбек ага жооп кылып колун көтөрдү да, унаасын артка буруп, жөнөй берген. Кенже Арстандын жанына кирип отурду.

- Жатасыңбы, мен сен деп, сенден туулган бала деп өмүрүмдү текке кетирипмин. Сен жаш кыздар менен чардап жүргөндө жалгыз саатты карап, чык-чык деген дабышын тыңшап канча убактымды сени күтүү менен өткөрбөдүм. Ошондо билсем алда качан басып кетмекмин, Арстан… - Ал кайрадан жашына мууна тумчугуп бараткандай өңгөчүн тарта ыйлап жатты. - Сен таш боорсуң, Арстан, кара өзгөйсүң, өзүңдү жерден эмес, көктөн көрүп калгансың, мансап сени эсиртип койгонун сезбедиң…

Арстандан жооп болбоду, бирок ал баарын угуп жаткан эле. Сүйлөөгө тили күрмөлбөй жалдырап шыпты тиктегендей жатканы менен ичи өрттөнүп, ушул сөздөрдү укканча эбак жер менен жексен болбогонуна өкүнүп, көзүнүн кычыгынан тоголок жаш мөлт эте жаздыкка кулады. Көпкө ага көкүрөгүндөгү букту чыгара сүйлөп-сүйлөп алып, анан алдын карады, тамак-аш ичпегенге кургак экен.

- Тамак ичесиңби? - деди анан эңкейе. Арстан баш чайкады. - Анда чай ичип ал, - деди эле, болоор-болбос башын ийкеди. Зияш ошол кезде эшик ачып:

- Эже, тамак даяр, - деди.

- Чай алып келчи, болбосо кофе.

- Жарайт, - Зияш кайра кетип, кружкага кофе даярдап, тез эле келди.

- Бара бер, мен анан түшөм.

- Макул.

- Кел, муну ич, - деп далысынан жөлөп өйдө кылып, бир колу менен кружканы оозуна алпарды. Арстан ууртап-ууртап ичти да, болду дегендей башын чайкап, оозун кымтыды. - Ушуну бүт ичип албайсыңбы? - дегенде Арстан болбой койду. Эки жагын кымтылап коюп, Кенже ылдый түшсө Умар тыпыйып үстөлдө тамактанып отуруптур, - Уулум, окууга бардыңбы?

- Ооба, апа.

- Айланайын, көлөкөм десе, бутактуу дарактын саябаны көлөкөлүү болот, силер көбөйсөңөр экен, менин саябандарым, - деп уулун бетинен өбө жанына отурду. - Жакшы баа алып жатасыңбы?

- Ооба, математикадан беш, орус тилден төрт алдым.

- Эмнеге, орус тилди билбей жатасыңбы?

- Анча-мынча, - деп Умар компойо чоң кишидей жооп берип, тамагын ичип болгон соң: - Мен сабак окуйм, - деп туруп кетти.

- Жакшы оку, уулум.

- Ооба, - деп коюп, тепкич менен көтөрүлүп баратты. Кенже алдына келген тамакты ойлуу аралаштыра кашыкты оозуна алып баратып, Кубатбекти эстеп жылмайып алды. "Көрсө, ал мени унутпаптыр да, демек сүйөм деген сөзү анык. Мен деле канча жыл бою жашоом башка болгону менен жүрөгүмдүн тереңинде катылган туюк жарам ошол эмес беле. Эми баары артта калды, биз кошула албайбыз", - деп, мелтирей тамакты шапшып отура берди. Зияш анысын байкап калып жанына келди:

- Эже, сизге эмне болду?

- Аа-а, эмне болду? - Кенжеш кайра өзүнө суроолуу тигилди.

- Билбейм, тамагыңызды ичпей эле шапшып отурасыз, бирдемеге сары санаа болуп турасыз го?

- Жок-жок, ичким келбей турат.

- Кечир, эже, - Зияш кайра ашканага кирип кетти.

- Ооба, өткөн өмүрүмө өкүнүп турам, желге кеткен кайран өмүр, өкүнүчтүү тагдыр… - деп өзүнчө кобурана ордунан туруп, өйдө көтөрүлүп, жатчу бөлмөсүнө кирди. Диванга жатып алып, дагы баш аламан санаанын түбүнө түшүп, ойлуу жатканда "Аа-ай!", - деген Арстандын катуу бакырыгы чыкканынан улам тура калып, анын үстүнө кирди. Андан кийин Актан жүгүрүп келди.

- Эмне болду, апа?

- Билбейм, балам, айталбаса…

- Чочуп кеткенимчи, - Актан кайра артына бурулду. Бурулуп баратып, төшөктөн чыгып турган атасынын колунун манжалары кыймылга келип жатканын көрүп, басып келди. - Колу кыймылдап жатат го?

- Ким билет? - Кенже кайдыгер жооп кылды, ал дагы кол учтары серпилип жатканын көрүп өйдө кылды. - Арстан, сага эмне болду? - дегенде Арстан эрдин эмшеңдете көзүнүн жашы куюлганы менен эч нерсени түшүндүрө албады. Анын колдору аз-аздап иштей баштаган. Күнү бою жанында эч ким болбогондуктан, анын абалына эч ким кызыкчу да эмес. Жазира өзүнчө көп ойлончу болду. Бирок басып кетүүгө эрки жетпей абдан кыйналды. Актан экөө урушпаганы менен аралары муздап баратат, үйлөнгөндөрүнө бир жыл болбой көп жылдап бирге жашап бири-биринен көңүлү калгандай таризде. Актан көптөн бери Мадинаны көрбөй бук болуп кеткендей болду. Эртеси түшкө жакын телефон чалып жолукчу жерди белгиледи, бул жолу Актан аны гүл менен тосуп алды.

- Салам, Мадина.

- Салам.

- Бул гүл сага.

- Себеби эмне?

- Жолугушуубуз гүлдөй назик мамилени жаратсын дедим.

- Рахмат, кайын сиңдим кандай?

- Жүрөт.

- Кандай жумуш, Актан?

- Көргүм келди.

- Ушул кебетемдиби? - Жылмая тулку боюн карап койду.

- А сага ушундай туруш жарашат экен.

- Рахмат.

- Качан төрөйсүң?

- Эки айдан кийин.

- Уулбу же кызбы?

- Уул дешти УЗИдегилер.

- Жакшы экен, - Экөө катар басып кафени көздөй баратканда автобуста кетип бараткан Назира аларды көрүп, шашыла түшүп калды. "Буларда кандай сыр бар же кокусунан жолугуп калышты бекен?", - деп артынан акмалай кафенин босогосунан карап туруп, анан билмексен боло тигилердин жанына жетип келди.

- Кандайсыздар? - Актан менен Мадина бири-бирин карашып ыңгайсыздана туруп калышты.

- Оо кел, балдыз, кайдан бу… - деди Актан эмне дээрин билбей.

- Сиздерди көрүп эле кайрылып калдым.

- Жеңемди кокусунан көрүп, сыйлап коюуну чечтим.

- Тим койсоңор болмок, - Мадина дагы ыңгайсызданып калды.

- Кайын журтту сыйлаган күйөө бала да жездем, анда мен кеттим, - деп кайра жөнөмөк болгондо Актан аны токтотту.

- Биз менен түштөнсөң кантет?

- Рахмат, мен азыр эле тамактанып алдым, - Назира болбой чыгып кетти. Ал бул жолу эч күмөн санаган жок, дароо кетип калды.

- Уят болдук, Актан, жаман ойлоп калбаса болду.

- Эмне, биз жашыруун отурдук беле, ачык эле отурабыз го?

- Ошентсе да…

- Эч коркпо, биз күнөө жасап жаткан жерибиз жок.

- Жашыруун жолугуунун себеби эмне, Актан? Биз башка-башка жанбыз, өз-өзүбүзчө очогубуз бар, - деп Мадина ойлуу Актанды караса, ал дагы өзүнөн көз айрыбай турган экен, көзүн ала качты.

- Жолугуп сүйлөшкөндүн айыбы барбы? - деди Актан ага тигиле.

- Никелүү аял-эркек үчүн күнөө.

- Биз эч кандай күнөө кылган жокпуз да.

- Баары бир.

- Койчу, Мадина, мен сага жолугуп сүйлөшкөндө бир топ жеңилдеп калам, аял-эркектин ортосунда жакшы достордой мамиле болсо болбойбу?

- Башкалар түшүнбөйт.

- А мен түшүндүрүүгө далбастабайм.

- Актан, мындан ары чалба.

- Зериккенде чалуума тоскоол болбо.

- Жок, мен каршымын.

- Суранам.

- Болбогон сураныч…

- Жок…

- Болду, Актан.

- Мадина, мен сени сүйөөрүмдү алда качан айтуум керек эле, - деп Актан ага жакын отуруп, колун кармамак болгондо Мадина акырын тартып алды. - Мадина, менден качпачы?

- Эми болбойт, Актан.

- Эмнеге, биз эркин адамдарбыз, өз каалообуз менен болууга тийишпиз. Көңүл үчүн жашабай ички сезимдин туюмун уга билүүбүз керек, бир келген өмүрдө каалагандай өмүр сүрүүбүз керек, Мадина.

- Сен эмне, мени аяп жатасыңбы?

- Жо-ок, сен мени түшүнчү, убагында сага сүйөм деп айта албаганым үчүн кечир, ал убакта ошондой болуп калды… - Актан анын колун аста кармады. - Мен сени менен жашагым келет.

- Актан, бул акылсыздык.

- Жо-ок, терең ойлонуп чечтим.

- Мен каршымын, - деп Мадина колун тартып алды да, ордунан турду. - Кош, мен кеттим, - деп эшикке карап ылдамдай басты, Актан артынан чыкты. - Актан, ушул жерде кал, мени менен баспа, уят!

- Мен эч кимден коркпойм да, тартынбайм, өз каалаганымды жасоого акылуумун! - Колдон тартып, - Мен сени азыр койо берем, бирок телефон чалып чакырганда келесиң! - деп койо берди.

- Эми биз жолугууга тийиш эмеспиз, мен жакында балалуу болом, өзүм үчүн эмес, балам үчүн жашашым керек, - деп баса-баса айткан Мадина артына карабай басып кетти. Актан аны узата карап туруп, улутуна унаасына отуруп жумушуна жөнөдү. Ошону менен баары бүткөндөй кечке кыжаалат болуп, Бактыбайды ээрчитип оооруканага барды. Алар киргенде Добул жөлөңгүчкө жөлөнүп отурган экен. Бактыбай андан тартына Актандан кийин кирди.

- Сакайып калдыңызбы?

- Шүгүр, келдиңерби?

- Келдик, сиз терең ойлоп чечкендирсиз.

- Ооба, мен арызданбайм.

- Балаңызды кабыл аласызбы?

- Эбак кабыл алгамын, кел, балам, мени кечир… Ата деп айта албасыңды билем, мен өзүмдүн иниме телефон чалгам, бүгүн келип калат, - деди Добул. - Кеч болсо дагы боорума кысып, жакшылап учурашайын, - деп эки колун жайып, Бактыбайды карады. Бактыбай болсо таңгала: "Бул кандай эле макул боло калды?", - дегендей Актанга суроолуу тигилгенде ал башын ийкеп, ишаарат кылды. Муундары калтырай, мындай жылуу мамиле жасаганга көнбөгөн неме апкаарып араң басып келди:

- Неге ушул убакка чейин чекемден сылабадың, өмүрүмдүн көбү атамды издеп жүрүп өттү, эгерде апамдын каты менде сакталбаса мени өмүр бою өкүнтүп өткөрмөк экенсиң да?

- Кечир, уулум, мен Акжамалды таштамак эмесмин, атамдын айынан Калимага баш кошуп жашап калдым, ошонун сөзүнөн чыгалбай ушул убакка келдик, - деп Добул колунун талыганына карабай сунуп турганда Бактыбай аны менен көкүрөк тийиштире кучакташып, кайра дароо эле боюн тартып алды.

- Мен эмне кылаарымды билбей турам, акылым айран болуп турат, бул күндү оюма албаптырмын, даяр эмесмин…

- Макул, мен түшүнөм, - деп Добул жер карап унчукпай калганда эшик ачылып бир адам кирди.

- Байке, сага эмне болду? - деп эле ал Добулду кучактап калды.

- Эчтеке эмес, баары өтүп кетти, - деп экөө сүйлөшүп калганда Актан Бактыбайга көз ымдай сыртка чыгышты. Добул инисине сыр айтмак болуп адегенде каттарды берди. Кадырбек менен Добулбек эки бир туугандын баласы эле. Ал катты окуп чыгып, Добулду таңгала карады.

- Эмне, ошол балаңды таптыңбы анан?

- Эбак тапкамын, Калиманын сырын билесиң да…

- Кайсынысы?

- Кыркта го, улуусу, беркиси жактоочу.

- Аа-а.

- Сени чакырганым бул, - деп Добул ага акырын шыбырай бир нерсени айтып жатты. Бир маалда Кадырбек сыртка чыгып:

- Ичке киргиле, - деди Бактыбайды жал-жал карай.

- Бактыбай, бул агаң болот, балам, - деди Добул ага кайрылып.

- Кел, иним, таанышып койолу, менин атым Кадырбек.

- Бактыбай, - деп экөө кол алышты.

- Эмесе мен барайын, сиздер чер жазышып сүйлөшкүлө, эртең жолугабыз, - деп Актан алар менен кол алыша коштошуп жөнөдү. Добул ал кеткенден кийин:

- Мени кечир, Бактыбай, атайын барсам деле болмок, балдардан тартындым, апасы уруксат бербеди. Эми сенин үйүңө Кадырбек экөөбүз ооруканадан чыккандан кийин барабыз, бизди күт, балам. Азыр Калима келсе оорукананы үч көтөрөт, сен эми бара бер, - деди күнөөлүүдөй.

- Мен узатып койойун, - Кадырбек унчукпай сыртка карай жөнөгөн Бактыбай менен кошо чыкты.

- Капаланба, иним, бир кезде жаштыктан болгон окуянын учу мынчалык тереңдеп кетээрин ким билиптир, капаланбай тур, биз буйруса барабыз.

- Мен азыр эч нерсе дей албайм, эртең жактоочума барам, андан кийин көрөм, - деп Бактыбай жер карай колун сунду. - Жакшы барыңыз.

- Көрүшкөнчө, - деп Кадырбек купуя жылмайып, Бактыбайдын Добулга куюп койгондой окшоштугун көрүп башын чайкай туруп калды. Актан үйүнө келсе эч ким жок экен. Үстүңкү кабатка көтөрүлдү, анан чочугандай тура калып, Арстандын бөлмөсүнө башбакты. Эмне үчүн келгенин өзү деле билбеди, кирип жанына келип, карап туруп калды. Анан отуруп колдорун кармалады, негедир таштай муздап турчу колу жылуулук келип кыймылдап калгандай. Ал кармап турганда Арстан манжаларын өйдө-ылдый кылып, өзү аракет кыла баштады. Актан ансайын акырын ушалап жатты, ал бүгүнкү бири-бирине чоочун ата-баланы көрүп, жүрөгү канап, ичинен атасына боору ооруган. Эми атасынын колдорун ушалап, массаж жасады. "Мен кечирдим, ата, билбей калдым, мындай болбош керек эле, кыйналдың го, ата", - деди көздөрүнө эрксиз жаш тегерене. "Кечирдим, ата", - деп кичинекейинде чоң энеси экөө ээрчишип келгенде атасынын өзүн көкөлөтө көтөрүп, "Оо, менин уулум чоң жигит болуп калган турбайбы?", - деп кубанганы, дүкөндөргө алып барып, чо-оң машина сатып бергени көз алдына элестеп солкулдап ыйлады. "Бири-бирибиздин айыбыбызды билген жокпуз, ата, мен кечирсем сенин күнөөң азаябы, ушул азаптан кутуласыңбы, арабызга баштакыңдай болуп келчи, атаке", - деп сыздап отурганда Арстан дагы ыйлап жатты. Ошондо негедир чочугандай буттары дагы кыймылга киргенсиди. Ачып кармап көрсө бутунун баштары жылуу тартып калыптыр, бирок төшөктү ачканда жагымсыз жыт бур дей түштү. Кенже болсо күндө кайдадыр кетип кечинде келчү болгон. Актан Зияшка барып:

- Жуулган шейшептерди бериңизчи, - деди.

- Азыр, - деп Зияш дароо алып келип берди. Шашыла чыккан Актан ушул ирет жийиркенбей туруп которду да, жылуулап жаап коюп, эки колун кармалай берди. Ошол убакта Кенже келип, таңгала карап туруп калды:

- Эмне болду, уулум?

- Апа, колдору аз-аздап кыймылга келип калыптыр, - деп Актан кубангандай караганда баласынын бул турушуна дале таңгалган Кенже:

- Ыраспы? - деди ойлуу басып келип, - Врачка айтыш керек го, балким кайрадан дарылоону баштаса жакшы болуп кетээр…

- Мен чакырайын анда.

- Ошент, балам, сакайып кетсе ажеп эмес, - деп Арстандын колдорун көрүп: "Ырас эле, жан кирип калгандай, балким жакшы болуп кетээр", - деп ойлогондо дароо көз алдына Кубатбек келди. "Мен сенден эми ажырабайм, биз экөөбүз бир келген мүмкүнүчүлүктү койо бербешибиз керек", - деген сөздөрүн эстеп, жүрөгү болк этип алды. Бир-эки сааттай убакыттан кийин врач келди, ал оорулуунун тамырын кармап көрдү, көзүн ачып карады:

- Жылыш болгон сыяктуу, эмне берип жатасыңар? - деди.

- Тамак ичпейт, кээде гана кофе же чай ичет.

- Дагы эки-үч күндө келип көрөм, байкап көрөбүз, - деп дары менен укол жазып кетти. - Буларды эки күн алса байкалат.

- Рахмат сизге, - Актан узатып чыкты. Кайра келип өз бөлмөсүнө кирсе Жазиранын сабыры суз:

- Кайда жүрдүң?

- Эмне болуп кетти?

- Мен сени келет деп күтүп, телефон чалсам өчүрүп коюпсуң.

- Жөндөн-жөн таарынганыңды токтот, мен эрте эле келгем, атамдын жанында болдум.

- Эмне, ооруп жатабы?

- Качантан бери ооруп жатпайбы?

- Кыйналдыбы дегеним.

- Кыйноону алты жылдан бери тартып келе жатат.

- Актан, сен мени сүйбөйсүң ээ?

- Дагы эмне дегиң келет? - Актан ачуулуу жалт карады.

- Сүйбөсөң ажырашалы.

- Эмнеге?

- Кетем.

- Жашагың келбесе өзүң бил.

- Дайыма ушинтесиң.

- Анан эмне дешим керек?

- Билбейм, - деген Жазира бүгүнкү врачта болгонун айткысы келбеди. Ал келгенден бери сегиз ай болсо да боюна болбогонунан өзү атайы врачка барган. Врач аны көрүп эле: "Кызым, сен балалуу боло албайсың", - деди. Бул сөздөр чагылган чартылдагандай мээсин көзөп өттү. Ушуларды ойлонуп Актан менен урушуп кетип калгысы келип турган.

- Жазира, жөн эле кеткиң келип жатса кармабайын, менден кетсе кечирим сурайм, балким сенин дагы бир билгениң, ойлогонуң бардыр…

- Эмнени ойломок элем, Актан, сен мага ар дайым салкынсың, үйлөнгөнүңө балким өкүнөт чыгаарсың, - деди Жазира солуктай.

- Өкүнбөйм деле.

- Бирок, Актан, менин сага айтаар сөзүм бар, - деп Жазира Актанды жаштуу көзү менен карады. - Мен бала төрөй албайт экенмин…

- Ким айтты аны?

- Врачка бардым.

- Ким бар деди?

- Апам.

- Кайсы апаң?

- Өзүмдүн.

- Эмнеге көрүн деди, али убакыт бар го, биз жаңы эле үйлөнбөдүкпү?

- Ушул убакка чейин болуш керек эле дейт.

- Түшүнбөй да калдым, эмнеге шашабыз, буйруса болот эле да.

- Билбейм, Актан, бирок өзүм дагы балалуу болгум келген.

- Шашылба, жаным, - Актан аны кучактап-өөп тынчтандырды. - Капаланба, биз али жашпыз, балалуу болгонго жетишебиз.

- Жакында бир жыл болот, менин боюма болоор түрү жок…

- Эч капаланба, жаным, жүрү бизди тамакка чакырып жатышат, кардым курулдай баштады, - деп Жазираны колтуктап чыкты. Кенже диванда отурган, аларды көрүп:

- Силер эртең бошсуңарбы? - деди.

- Эмнеге, апа?

- Эртең дем алыш, бир жумушту бүтүрүп келишим керек эле.

- Мен үйдө болом, апа, - деди Жазира.

- Мен деле үйдөмүн. - Актан апасын шектүү карады, анын кийинки кездерде үйдө көп болбой баратканын сезген менен эчтеке дей алган жок.

- Жакшы, атаңа көз салып тураарсың.

- Ооба, карайм.

- Макул, тамагыңарды ичип, эс алгыла, - деп Кенже унчукпай калды. Үндөбөй отуруп тамактанышты да, күндөгүсүндөй эле өз-өз бөлмөсүнө кирип кетишти. Зияш үч-төрт жылдан бери ушул үйдө иштеп чарчагандай болду. Ал жакындан бери Баатырбек деген бирөө менен сүйлөшө баштаган, ошол киши Зияшты бүгүн жолугууга чакырган эле. Баары кирип кетээри менен кийинип алып, чыгып кетти. Баатырбек дагы жумушу жок, ар кай жерде жүргөн неме, болгону анын ата-энеси бар. Ушул тапта да иш таппай бош жүргөн. Зияш шашылып Баатырбекке жолугуп:

- Баатыр, эмнеге чакырдың? - деди.

- Зияш, мен сага үйлөнөйүн дегем.

- Кантип, иштеген ишиң болбосо, кантип жашайбыз?

- Мен багып алам, ата-энем үйлөн деп жатат.

- Башканы тап, Баатыр.

- Жок, мен сени жакшы көрөм, экөөбүз жакшы жашайбыз.

- Жок, мен сага тийбейм, жакшы кал, - деп кайра эле жөнөмөк болгондо Батырбек аны койо бербей кармай калды:

- Мен жакшы иш таап иштейм, сени жакшы багам, макул дечи, Зияш, мен сени жакшы көрөм, айрылгым келбейт.

- Кой, Баатыр, экөөбүздүн жолубуз эки бөлөк, - деп келин кетип калды. Ал Кенже издеп калабы деп чочулай эртелей үйгө жетип, дабыш чыгарбай жыла басып кирди да, өз ордуна жатып калды. Түнү бою ойлонуп чыкты. "Иштебесе эмне экен күйөө деген күйөө эмеспи, ансыз дагы жалгыздыкта өмүрүм өтүп баратат. Кенже эжеге кеңешейин дагы тийип алайын", - деген чечимге келип, көңүлү жайлана уйкуга кирди. Эртеси эрте турган Кенже жасанып алып, үстөлгө отурду.

- Чай алып келейинби, эже?

- Ооба, мен эрте кетишим керек.

- Эже, мен сиз менен сүйлөшөйүн деди эле, - деди чай алып келип, жанына отуруп.

- Кечинде сүйлөшөлү, макулбу?

- Болуптур, - деп ашыкча сөз айтууга даабай ашканага кирип: "Менин сөзүмдү угаар түрү жок, кызык, эмнеге ушундай колунда барлар бечараларды тоготпойт", - деп нааразы боло чогулган акчасынын жарымын ала электигин ойлоду. "Буйруса, Баатырга тийгенден кийин соода кылып кетсем да болот, өмүр бою кызматчы болуу пешенеме жазылса да", - деп койду. Кенже чай ичип алып, кийинип чыгып кетти. Ал күнү Актан менен Жазира үйдө болуп, Актан атасынын үстүнө кирип, колдорун ушалап көпкө отурду. Бир кезде Арстан оң колун бир аз көтөргөндө Актан кубанып кетти.

- Ата, ата, сен жакшы болуп баратасың, кана-кана дагы колуңду көтөрчү, оо экөө тең кыймылдап калыптыр ээ? - деп өзүнчө сүйлөп кубанып отурганда Жазира тамак, чай алып кирди.

- Актан, тамак ичирелиби?

- Ооба, атам сакайып баратат, Жазира, колдору кыймылдап калды, - деп Арстанга карады. - Тамак ичесиңби, ата? - Арстан баш чайкап койду. - Чайчы, чай ичесиңби? - Баш ийкегенин көрүп, чайды оозуна алып барды эле, өзү эки колу менен кармаганга аракет кылып, калчылдап кетти. - Жаңы эле мууну иштей баштады, күчүнө кире элек, ата, - деп Актан атасынын колдорун кармап, бир колу менен чайды ичирип жатты. Ошол күнү Актан атасынын сакая баштаганына кубанып кечке жанында болду. Уулунун жанында болгонун сезгендей Арстан оор дем ала улам башын буруп, үн чыккан жакка имериле бирдеме дегиси келет, бирок сүйлөй албай кыйналды. Анысын сезген Актан: "Жакшы болуп кетет, баарын унутуп, жашоону кайрадан баштайбыз, экинчи жолу капа кылбайм, эч качан капалантпайм, сакайып кетсе эле болду", - деп ойлоп жатты. Анын бул түрүн көргөн Жазира: "Бул атасынын оорулуу болгонуна капаланып жүрсө мен да кыжаалат кылганым болбойт, андан көрө колдогонум туура эмеспи", - деп өзүнүн кыска оюна нааразы боло уялып турду. Эки күндөн кийин Арстандын колу кадимкидей чыны кармаганга жарап, өзү отуруп калганга баары кубанып жатышты. Зияш болсо чечимин ишке ашырууга аракеттенип, Кенже менен атайын сүйлөшүп отурду.

- Эже, мени кечирип коюңуз, мен турмушка чыгайын дедим эле, сиз уруксат берсеңиз кетейин.

- Зияш, сен кетесиңби? - Кенже жаман абалда калды, кайрадан өзү идиш-аяк кармагандан зааркана: "Бул кетсе башканы табыш керек", - деп ойлонуп калганда Зияштын үнү анын оюн бузду.

- Эже, жашым өтүп баратат, үйлөнөм деп жатканда кете берейин.

- Күйөө бала кайдан болот?

- Ушул эле Чүйдөн, ата-энеси бар.

- Ошол бойдон келбейсиңби?

- Жок, эже, күйөөм айткандай болоормун.

- Күйөө баланы тааныштырбайсыңбы, Зияш? - деди Кенже анын тийе турган күйөөсүн көргүсү келип.

- Макул, эртең ээрчитип келейин.

- Бир туугандай болуп калдык. Кайдыгер адамдай кете бергениң болбойт, мен сени жакшылап узатам, - деди жылмая.

- Рахмат, эже, - Зияш ыраазы болуп калды. Кенже Зияшты дасторконго майда-барат алып келгени базарга жөнөттү, ал кетээри менен радиузелге барып үй кызматчы издемек болду. Жарнаманы угуп жашы да, карысы да келип жатты, бирок бири да жакпагандыктан чогулгандарга:

- Үйдө оорулуу адам бар, ошону карашыңар керек, - деди албайм деп айталбай. Алар бир-бирден тарап кеткенде кайра жарнама берди, бул жолу аз эле адам келди. Кенже алардын арасынан улгайган бир аялды четке алып чыгып, сүйлөшүп көрүп, үйүнө алып келди. Бир топтон кийин Зияш такси менен толтура азык-түлүк алып келди. Кенже аларды тааныштырып:

- Зияш, ашкана менен бул эжени тааныштырып чык, тамак-аш жасай тургандарын бүт көрсөт, - деди да, өзү күйөөсүнүн бөлмөсүнө чыгып кетти. Ал уктап жаткан эле, Кенже кирип барса эки колу менен бирдемени түртүп, бирөө менен урушкандай кара терге түшүп калыптыр. - Арстан, сага эмне болду, эмне болуп жатасың? - деп колдорун кармаганда шалак этип колу төшөккө кулады эле, жүрөгү шуу дей түштү. Акырын көкүрөгүн тыңшап көрсө дем алып жатыптыр. - Бул кандай оору, же доктурлар билбесе, кандай кылабыз деги, алты жылдан ашып кетти, - деп өзүнчө сүйлөнө чекесинин терин аарчып, эки жагын кымтылап көпкө карап турду. Арстан кайрадан мемиреп уктап кеткендей болду. Актан жумуштан келээри менен анын жанынан чыкпайт, колу-башын ушалап массаш жасап, өзү чай берчү болгонун көргөн Кенже таңгалып жүрдү, бирок сурабады. Эртеси айткандай эле Зияш Баатырбекти ээрчитип келди. Аны көргөн Кенже: "Ар кимдин өзүнө жараша теңи бар", - деп ойлоп коноктоп, Зияштын акысын толук берип, анан жөнөтүп койду. Батма адеп келгенде бир аз көнбөй жүрүп, бара-бара аралаша баштады. Жазира бир күнү үйгө келбей калды. Актан телефон чалып, ала албай койду. Кечки тамакка отурганда Кенже:

- Жазира кайда кеткен? - деп сурады Актандан.

- Атасыныкына.

- Аа-а, барса барып келсин, - дегени менен, "Бир ооз айтып кетпегенин кара", - деп нааразы болуп калды ичинен.

- Аны чакырса керек, жумуштан ары кеткенге мажбур болуптур, апа, мен дагы билген жокмун, - деди Актан.

- Мейли, балам, ата-энесине баргысы келет да. Эми атаң сакайгансып баратат, биз дагы тыңып калаарбыз.

- Оорулууну караганыбыз болбосо кыйналганыбыз жок, атама кыйын болду, жетинчи жыл болуп баратат.

- Эми кесел деген ошо да, балам, түбөлүгү түз болсун.

- Мен барып жатайын, - деп Актан бөлмөсүн көздөй чыгып баратканда анын артынан Кенже узата карап: "Балам аа-ай, атаңды аяганың жакшы, ал бизди аяды беле", - деп шыбырады улутуна. Батма кыбырап жаны тынбайт. Кеч күүгүмдө негедир бир нерсени сезгендей эле Арстандын ата-энеси менен иниси келип калды. Аларды көргөн Кенже таңгалганын билгизбей жадырап тосуп алды. Чогуу бир дасторкондо чай ичип отурушту, бирок эмнеге келгенин айтышкан жок, Кенже көңүлдөрүнө алат деп сурабады. Ошол түнү Арстан абдан кыйналып чыкты да, таңга маал үзүлүп кете берди. Ошондо гана тууган-уругуна чалып жатып, Султаналы кеп баштады:

- Түшүмдө Айзат кириптир, ал Арстанды жек көрүп жетелеп жөнөгөндө, "Кайда алып барасың, балам?" - десем, "Сурак берчү жайга, чоң ата, кабатыр болбогула!" - деген бойдон көзгө көрүнбөй калды. Чочуп ойгондум да, эшикте басып жүрүп Ыргал тургандан кийин кеңешип алып жөнөдүк, - деди ачыгын айтып.

- Балам абдан кыйналды го? - деп Ыргал бышактап ыйлап жатты. Актан дагы:

- Жок дегенде акыркы сөзүн айталбай арманда кетти, - деп буркурап отурду.

- Кой, каралдым, бул кудаанын жазмышы…

- Ооба десең, "жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок" деген сөз туура экен да-а, болбосо Арстанымдай ким эле кычырады дейсиң, табышкерлигин айт, - деди Ыргал. Ошентип аны акыркы сапарга узатып, ызаат-сыйын жасап, ыйлап-сыктап кала беришти. Кенже көзүнөн жаш чыкпай мисирейет, негедир катуу сууган экен. Бир да кейибеди. Үчүлүк, жетилиги өттү, куда-кудагыйы кайгысын тең бөлүшүп, ошого чейин жүрүштү. Ал жерге Жумабек менен бирге Мадина да келди. Аны көрүп Актан: "Мадина, менин жанымда сен болсоң кандай бакыт эле, алдагы бала меники болмок, неге чечкинсиз иш жасадым", - деп өкүнүп турду. Кыркына чейин Кенже үйдөн чыга алган жок, Кубатбек келип куран окутуп кетти. Ошентип Арстан өлгөндөн кийин Актан өз үйүнө кетип келбей калды. Жазира таптакыр келбей калды, бир күнү ага Кенже чалды эле:

- Алло, угуп жатам, апа, - деди Жазира.

- Кызым, Актан экөөңөрдүн ортоңордо эмне болгонун мен билбейм, бирок менин билишим керек го?

- Апа…

- Шылтоо эмес, чындыкты айтып бер, кызым. Актан бирдеме дедиби?

- Жок-жок, апа, сиз капаланбаңызчы, биз урушкан жокпуз.

- Анда эмнеге эки жактасыңар?

- Бүгүн барам, апа.

- Кел, сүйлөшөбүз, - деп Кенже телефонун өчүрүп койду. - Балдар-балдар, азилиңден азабыңар көп балдар, - деп жанында отурган Умарды бооруна кысып өөп койду. - Мейличи, аман-эсен болсоңор эле болду.

- Апа, Актан акем эмнеге келбей калды?

- Келет, балам, атасынын өлгөнүнө кейип жүрөт, сен атаңды билбей да калдың го?

- Билем, - деп Умар апасына жөлөндү. - Атам ооруп жатпадыбы, апа.

- Ооба, уулум, сен дагы атаңды билесиң, - деп Кенже үшкүрүп алып, ойлуу отуруп калды. Батма тамак-ашын алып келип коюп кетип калды. Кенже ата-энесин ойлоду: "Неге бир келип коюшпайт, ушундай кыйын күндө жанымда жок дегенде апам болсо болбойт беле, бир келип кеткен бойдон жоголушту", - деп капалана бөлмөсүнө кирип уулу экөө жатып калышты. Актан эки-үч күн бою ичип жатып, анан Мадинага чалды. Ал барбайм дегенинен кайра-кайра чала берди эле, акыры Мадина такси менен келип Актандын түрүн көргөндө:

- Актан, бул эмнең? - деди.

- Аа-а келдиңби, Мадина, сенде жүрөк барбы? - деп башын көтөрүп өйдө болду. - Чын эле келдиңби же көзүмө көрүнүп жатабы?

- Актан, менин абалымды көрүп турасың, эмнеге мынча кара өзгөйлөнөсүң, мени кыйнап жатпайсыңбы, аялың кайда? - деди маңдайына келип.

- Мадина, ал кетти, эми келбейт, - деп колун шилтеди.

- Эмнеге, эмнеге кетти?

- Төрөбөйм дейт, төрөбөй турган ургаачы экен.

- Кой, Актан, менин жүрөгүмдү оорута бербе, өзүңдү-өзүң карма дагы менин тынчымды алба. Актан, мен кеттим, - деп бурула бергенде Актан Мадинаны этегине жармашты.

- Мадина!

- Актан…

- Токтой турчу.

- Кармаба, Актан.

- Калчы жаныма.

- Айбан болбо, Актан.

- Жок, мен чындап эле жинди болуп баратам.

- Антип кармай албайсың, бизди баары билишет, баарынан да сенин апаң мени жек көрүп калып жүрбөсүн, мени кармаба, Актан, - деп андан бошоном деп жыгылып кетти. - Аа-ай!

- Мадина, Мадина, кечир мени, - деп Актан тура калып аны өйдө кыла койду. - Мадина, жакшы элесиңби? - деп соолуга түшүп, Мадинаны көтөрүп, диванга жаткырды. Мадина чыдай албай көзүн жума онтоп калганда шашкалактай машинасын айдап чыгып, эптеп көтөрүп салып төрөт үйүн көздөй айдап баратты. Мастыгы кайда кеткенин сезбей да калды. Жетээри менен төрөтканага чуркап кирип, врач, медсестраларды чакырып келсе Мадина арткы отургучка төрөп коюптур. Топурап көтөрүп кирип кетишти. Бир аздан кийин эшик тоскон аял:

- Чоң жигит, уулдуу болдуң, - дегенде мындан жети-сегиз жыл мурунку Айзат төрөгөндөгү окуя эсине түштү.

- Рахмат, эже, апасы кандай жакшыбы? - деди куду өзү балалуу болгондой кубана.

- Апасы да жакшы, кам санабай бара бер.

- Рахмат, аа-а кирип көрсөм болобу?

- Жок, эне-баланын ал-абалы ойдогудай, кам санабай бара берсең болот, - деди аял жылмая карап.

- Макул, менин атымдан куттуктап коюңуз, - деп төрөтканадан чыгып, унаасын от алдыра эми айдап жөнөгөндө арт жактан телефон чырылдады. Актан токтото калып, алып караса Жумабек экен, өчүрүп салды. Үйүнө келип жатса да кайра-кайра чырылдай бергенинен өчүрүп коюп: "Бекер кылган экенмин, боюнда бар аялды чакырып жинди болдумбу. Ал бирөөнүн аялы болсо, болгондо дагы кайнагамдын аялы болсо, уят эле", - деп ойлонуп, башы ооруганынан улам бөтөлкөнүн түбүндөгү арактан куюп, жутуп алды да, жатып калды. Эптеп көзүн жумса да, уйкусу келбей ары оонап, бери оонап жатып көптө көзү илинди.

Мадина аябай кыйналды, түн бир оокумда көзүн ачса жанында ымыркайы жатат, быйпыйып эч нерседен капарсыз уктап жаткан наристени өөп алды, ичи элжиреп, кубанычтан толкундап кетти.

- Менин алтыным десе, бакытым менин, - деп жалбарып жатканда медсестра башбагып:

- Сиздин күйөөңүз келди, - деди.

- Күйөөм?

- Ооба, сулуу жигит экен.

- Эмне дейсиз? - деген Мадина таң калганынан эси оой туруп босогодогу тешикке келди.

- Кандай, Мадина, уулуң кут болсун, акыбалың кандай? - деп Актан жылмая карап туруптур.

- Аа-а, кандай, Актан?

- Ден-соолугуң жайындабы?

- Жакшы. Эми келбе, күйөөм келип калса канттим?

- Мадина, уулуңду көргүм келет, алып чыкчы, - деп Актан колундагы пакетти берди. - Кардыңды ачырбай ичип ал.

- Рахмат, - деп Мадина жылмая кирип кетип, бир аздан кийин кичинекей наристени көтөрүп чыгып, Актанга көрсөттү. - Мага окшош бекен?

- Аябай окшош экен, куд-ду өзүңдөй, кана бери колума берчи. - Актандын баланы алып турганын көрүп сестра:

- Баланы аякка алып чыкпагыла, - деди да, басып кетти.

- Кой, Актан, сен бар да экинчи келбе, жашоомо киришпе, аман бол, - деп Мадина артына бурулганда Актан үн катты:

- Мадина, телефонуңду алып ал! - Мадина телефонун алып:

- Рахмат, - деген бойдон палатасына кирип кетти.

- Жакшы жүр, Мадина! - деп кыйкырган Актан кадамын санап басып баратты, ушул жолу эң жакын адамынан биротоло айрылгандай ичи ачышты. Ал ошол күнү апасына жолугуп, алаксыгысы келди. Мурунку күнү Жазира келип, Кенжеге өз оюн айтып, кайра кеткен болчу. Актан келээри менен эле:

- Апа, акыбалдар кандай? - деп учурашты. - Умар окуудабы?

- Ооба, сабактан келе элек, сен Жазирага жолуктуңбу?

- Жок, издеп барбадым.

- Сүйлөшүп көр…

- Өзү келет да, келгенде сүйлөшөм, - деп өйдө чыгып кетти.

- Актан!

- Ийи, апа?

- Бери кел.

- Азыр, кийим которуп алайын.

- Тез чык, - деди Кенже ага.

- Эмне болду, апа? Эмеле кашыңдан кетсем кайра чакырдың.

- Отурчу мындай.

- Мына.

- Жазира сага бир нерсе айтты беле?

- Эмнени?

- Ал өзү жөнүндө айтты беле?

- Аа-а, төрөй албайт экенмин дегениби?

- Ооба.

- Айткан, мен ишенбедим, өзү билсин.

- Демек уккансың да?

- Ооба.

- Анда барып эс ал да, Жазираны эртең алып кел.

- Эмнеге, мен ага жаман айтпасам, кет дебесем, келбесе өзү билсин, - деп Актан бөлмөсүнө кетти. Кенже унчукан жок, уулунун тагдырына зээни кейип зыңгырай отуруп калды. Жашоо барган сайын өтө оор да, кызыксыз да болуп бара жаткан. Арстандын жогуна качантан бери көнүп калса дагы анын селдейип жаткан тирүүлүгү канчалык кубат, дем экенин сезди. Актан эртең менен көрүнгөн жок, таң эрте туруп кетип калганын билди. Жалгыздык аны чулгап алгандай, кээде эрте Кубатбек менен жолукканы болбосо этият жүрө баштаган. Ойго батып отурса Кубатбек келип калды:

- Кенжеш, кандай?

- Кел-кел, өзүңөр кандай?

- Баары жакшы, сени менен жолугуп келейинчи деп эле келип калдым, - Кубатбек креслого отура кетти. - Балдар жокпу?

- Актан өз үйүндө, Умар уктап жатат.

- Аа-а, Актан өзүнчө турабы?

- Иий, өзүнчө турат.

- Иштеп жатабы?

- Ооба.

- Акыры атасындай сот болот экен да? - Күлүп койду.

- Ыя?! - Кенже чочуп кетти. - Сот дейсиңби?

- Кенже, эмнеге мынчалык чочудуң?

- Жок-жок, мен түшүнбөй калдым окшойт, - Кенже тайсалдап кетти: "Мен не деп ийдим, мейли уулум сот болсо болсун, атасындай болбосун. Мен аны атаңдай сот болгончо карапайым кетменчи бол деп айтамын, жо-ок менин балам эч качан атасындай болбойт", - деп ойлонуп отуруп калганда Кубатбек ага ыңгайсыздана карады.

- Кенже, сенин түрүң бузулуп кетти да, ооруп калган жоксуңбу?

- Жок, Кубат, ооруган жерим жок, куландай сопсоомун, жөн эле ойлонуп кеттим окшойт. -Колдорун ушулай көзүн ала качты.

- Бир аз сейилдеп келели, үйдө отуруп камыгып деле кеттиң окшойт, Кенжеш?

- Зериккеним жок.

- Кенжшң, бир азга барып келели…

- Азыр, эртең мененки чайыбызды ичип алалы.

- Макул, анда мен сыртта күтөм.

- Чай ичсең боло?

Аңгыча Батма чай көтөрүп келди. Кенже ага:

- Эже, эки кофе даярдай саласызбы? - деди.

- Жарайт, кызым, мен азыр…

- Кенже, биз таза абага чыгып ошол жактан деле ичет элек, андан көрө эртелеп чыга берсекчи?

- Куба-ат, шашпачы эми, "шашкан шайтандын иши" дейт эмеспи, жай сүйлөшүп отуралы, - Батма эки кофени экөөнүн алдына койду:

- Рахмат, эже. - Кенже кетип бараткан Батмага кайрылды. - Батма эже, Умарды карай турасызбы?

- Макул, карабай анан.

- Анда ал уктап жатат, ойгонсо кардын тойгузуп коюңуз ээ?

- Макул, кызым.

- Жакшы болду, - деп Кенже кубанып алды.

- Деген менен бактылуу эле жашапсың.

- Неге минттиң?

- Көрүнүп турат, үй-жайды бирөө тейлесе, кийип, ичип сайрандап жүрсөң, сени азап тарткан деп ким айтат? - Кубатбек аны бирөөдөн кызгангандай карап койду. - Кызматчы жумшайт экенсиң, күйөөң деле көп капалантпаса керек?

- Мен канча жыл оорулуу менен алыштым, бир кишинин колунан эчтеке келбейт экен. Мага каралаша турган эч ким жок, ата-энемдер болсо өз-өз жумушу, тиричилиги менен анан мен жалгыз калдым үйдө. Менин жан дүйнөмдү тынчтандыра турган бирөөгө жолуккум келет, көкүрөк толгон муңумду чыгаргым келет, - Кенже ойлуу телмирди.

- Капаланба, баары жакшы болот, бол эми кеттик, - деп шаштырды Кубатбек. Кенже аргасыз эми туруп кийинип чыгып баратканда Умар үстүңкү кабаттан түшүп келди:

- Апа, кайда барасың?

- Уулум, мен тез эле келем, сен Батма апаң менен бирге тамактан, макулбу?

- Макул, сиз эрте келесизби?

- Тез эле келем, уулум.

- Бара бериңиз, а мен калдым, - деп коюп отуруп калды Умар. Кенже менен Кубатбек бири-бирин карашып алып чыгып кетишти. Умар алар кеткенден кийин тамактанып, Батманын бергенин ичип алды да, оюнга кетти. Үй ичин жууп, шыпырып-тазалаган Батма гана калды үйдө.

Актан өз ишин мыкты билген жактоочу, анын аты так иштеген, пара албаган райондун карт карышкырларына чейин угулган экен, бир күнү аны Абылов чакырыптыр. Актан барганда үстөлүнө чалкалай отурган Абылов Зарип аны сынай карады да:

- Кел, балам, сен Султаналиев Арстанбектин баласысыңбы? - деди.

- Ооба.

- Азамат, азамат, сени мактап жатышат, атаң экөөбүз жакшы мамиледе элек кийин катышпай калганбыз.

- Жакшы.

- Иштериң кандай?

- Жайында.

- Макул, бара бер, - деп узата карап калды. Актан адегенде Бактыбайга жолугуп, экөө ооруканага барышты. Добулдун жанында аялы Калима бар экен, ал Актанды ээрчип кирген Бактыбайды көрүп эле ажылдап бир тийди.

- Ушунун айынан биз көп жабыр тарттык, дегеле көздөн далдаа болсоң экен, - дегенде Актан ага эңкейе калып:

- Саламатсызбы, мен тоскоол болгон жокмунбу? - деди эле, аял аңырая бир күйөөсүн, бир Бактыбайды карады. - Эгер тоскоол болгон болсом кете берүүм керекпи? - деп Актан андан жооп күттү. Актанды таңгала караган Калима:

- Сен биерде эмне кылып жүрөсүң, балам? - деп суроо узатты.

- Мен актоочумун.

- Иий кокуй, тиги киши өлтүргүч жексурду актамаксыңбы?

- Ооба, кимдин болбосун айыптуу-айыпсыз экенин далилдейм, апа, - деди Актан күлө.

- Актаганыңа жол болсун, анын күнөөлөрү толтура, мен анын кылмыштарын эки барак толтуруп жазгамын, ошентип ал акталабы?

- Текшеребиз күнөөлүү болсо камалат, болбосо акталат.

- Ой, балам, анын күнөөсү көп. - Калима Актанга жакындады. - Кулагыңды тосчу, балам, - деп бирдемени шыбырады. - Уулум, аны актап эмне кыласың, жоготуп жибер ары, мен сага жакшы төлөйм.

- Канча төлөйсүз? - деди Актан жылмая.

- Беш миң.

- Аз го?

- Койчу, азбы?

- Мен үчүн аз эле.

- Анда өзүң айт, канча сурайсың, балам?

- Мен акча сурабайм, каалаганымды аткарсаңыз, мен ал баланы жоготуп берем.

- Айт, айта гой каалаганыңды, - деди шыпылдай Калима, ал торпок-танаа сурайт деп турду оюнда.

- Мага Добул байкени баш-оту менен бересизби?

- Эмне дейт, аны эмне кыласың, ботом? - Калима Актанды ормойо карап туруп калды.

- Сиз таарынбайсызбы анан, мен эмне кылаарымды айтсам.

- Таарынбайм, айта кой, ботом, бул адам да, базарга сатып ийгидей мал беле, эмне кылат элең аны, жактоочу акча алчу эле го?

- Мен ал кишинин баласымын, алып кетейин, - деп Актан күлө карап калды эле, Калима эмне деп айтаарын билбей Добулду бир, Актанды бир карап селдейе туруп:

- Ой деги сен соо жүргөн эмессиң го, экөө болду, эми дагы чыгабы же ушуну менен токтойбу? - деп абышкасына атырылды. Ошондо Добул:

- Көп какылдаба, жазган арызыңды ал, болбосо эки балам менен кетем, - деди эле, Калима ага жакындай келип:

- Чыныңбы же калпыңбы? - деп сурады.

- Сени менен тамашалашып жүрдүм беле, ачыгыңды айт, мен эки балам менен кетем, арызыңды албасаң үйдөн биротоло кетем, - деп Добул айтканда Калима алкынып кирди.

- Кетем-кетем деп, кетсең кете бер, эмне коркутасың?

- Эй, эси жок, бар үйгө, биер сенин үйүң эмес ажылдагыдай, сени менен үйгө барганда сүйлөшөм, - деп Добул Кадырбекти карады. - Сен Бактыбайды ээрчитип барып бир бээ, бир уй, он кой санап бер, кийин өзүм үйүнө барам. - Калима акшыйып туруп калды. - Тиги актоочу балага дагы бир кой алып келип бер! - деди эле, унчукпай чыгып кетти. Актан аларды жараштырып, арызын алдырды да, кайрадан ишке киришти. Ал атасынын жолун жолдогусу келбеди, так иштеп, ак жүргүсү келди, бирок аны кыйнаган турмушунун өз нугуна түшө албай аксаганы болуп турду. Жазира ошол бойдон келбеди, Актан да ага барып кабар албады, же апасына барбай үйүндө болуп жатты. Көбүнчө жалгыз болгусу келет.

Мадина адегенде Адинага чалды, ага: "Кечээ үйдөн чыгып паркта эс алып жүрүп, толготуп калдым", - деп койду. Анан Жумабекке чалганда ал кубанып:

- Мадина, алтыным десе, азыр барып калам, - деп бат эле жетип келди. Келип эле палатага кирип келип, мурдатан тааныш врач-медсестраларга баласынын көрүндүгүн берди. Аерге той жасап берип, аялы менен баласын ошол эле күнү алып кетип калды. Анткени Мадинанын көз жарганына эки күн болуп калган. Актан Мадинага телефон чалсамбы деп, анан кайра өзүн токтотуп, сыртка чыккан. Күн ала булут болуп, жаап ийе тургансып булуттар самсаалап карайып калыптыр. Үйдө отуруп тажап кетти, өзү бала кезден телевизор-видикти жакшы көрбөйт. Жалгыздап басып жүрүп, үйүнөн кыйла алыстап кеткен экен, күн тамчылай баштаганда кайра бурулду. Ошол убакта күн шатырата төгүп жиберди, жол боюндагы чоң түп дарактын түбүнө корголоп күтүп калды. Жамгыр өчөшкөнсүп тынбай жаап жатат. Бир кезде буттары ылайга батып, кийими шөлбүрөп суу болгон арыкчырай кыз өтүп баратып, Актан турган дарактын бир топ ылымта экенин көрүп токтой калды. Кийиминин жукасынан этине жабышып илмийген арык денеси даана көрүнүп турат. Бутундагы кызыл бийик така туфлиси баткак болуп, суу чачтары суу кыздын келбетине жарашып турду. Анан да үлбүрөгөн жүзү жупжука, аппак, кара каш, кара көз кыз тал түбүнө келип тура калып, ары жагында турган Актанды байкаган жок. Үшүгөнүнөн чөк түшө колдорун үйлөп титиреп жатканда Актандын:

- Кайда бармаксыз? - деген үнүн угуп ыргып тура калды.

- Сиз кимсиз?

- Мен дагы жаандан корголоп турам.

- Ушунчалык да күн жаайбы, мен мындай жаанды көрө элек экенмин, - Кыз ичиркене силкинип алды.

- Жайлоодо болуп көрдүң беле?

- Жок-жок, жайлоо эмес, шаардын четиндеги тоого чыгып көргөн эмесмин.

- Эмнеге, тоонун абасы таза эмеспи?

- Мен бара албайм, - деп кыз бүрүшө Актанды карады. - Бул күн ачылбаса тоңуп өлөм го?

- Эч коркпо, тиги подъездин экинчи кабатында менин үйүм бар, эптеп жетебиз.

- Анан эмне биерде турасыз?

- Мен дагы жолдо келаткам, суу болбоюн деп туруп калдым да, мынчалык жаарын кайдан билдим.

- Ой мен тоңуп баратам, - Кыз тиши-тишине тийбей титирей баштаганда Актан үстүндөгү спортивкасын ийнине жаап койду.

- Мен деле суу болдум, андан көрө жүгүрүп үйгө жетпейлиби, антпесе тоңуп каласың, чоң кыз, - деп Актан айтканда кыз андан башка арга жок экенин билип, аны менен жүгүрүп жөнөдү. Подъездге жеткенде буттарын кагып алышып, экинчи кабатка көтөрүлүштү. Кызды үйгө киргизип, эшикти жаап, анан ички бөлмөгө кирди да, өзүнүн шым-көйнөгүн алып чыкты.

- Бул үйгө кирип алмаштырып ал, - деди Актан.

- Мен…

- Жок-жок, алмаштырбасаң ооруп каласың, мен азыр ысык чай койойун, - деп Актан ашканасына кирип кетти. Кыз үшүгөнүнөн калч-калч эте көйнөктү алып, ички үйдөн алмаштырып чыкты. Актан чай коюп чыгып, анан кызды бир карап алып, одеал берди. - Муну оронуп отуруңуз.

- Жөн эле коюңуз. - Кыз тартына ошенткени менен баары бир одеалды оронуп алып, жылый түштү.

- Аябай тоңуп калыпсыз, азыр ысык бирдеме ичсеңиз оңуп каласыз, - деп өзү чай ичкен үстөл үстүн ирээтке келтирип, кофе даярдады. - Кел, чоң кыз, ысык-ысык ичсеңиз, - деп сунганда ипичке аппак, узун манжаларын сунуп, кофени алып иче баштады. Бир аздан кийин:

- Сизге рахмат, - деп чыныны кармап, унчукпай отуруп калды.

- Кичине жылып калдыңызбы?

- Ооба, рахмат сизге.

- Жакшы болду, эмесе менин атым Актан, таанышып алалы, сиздин атыңыз? - деди күлүмсүрөй.

- Нестан.

- Оо, атыңыз жакшы экен, Нестан Дарежандай сулуу кыз биздин кыргызда жаралат экен го?

- Тамашаңызга рахмат, мага чынын айтсам мындай мактоо жакпайт. - Нестан суз жооп кылды. - Бул жашоодо жашаганымдын өзү табышмак…

- Эмнеге, Нестан, сиз ушунчалык суз экенсиз, неге мынчалык жаралуусуз, жүрөк сайгылашып, көргөндө адам боору ооругудай…

- Ошондой, мен жылып калдым, бул жерден такси табылбайбы? - Нестан жооп бергиси келбей өйдө болду. - Кетишим керек.

- Такси деле табылат, шашпаңыз, Нестан, өзүм жеткирип койом.

- Жок кетишим керек, - деген Нестан үстүндөгү эркектин кийимин көрө коюп, кайра отура калды. - Балким өз кийимимди кийээрмин.

- Эмнеге, ооруп каласыз, бир аз отурсаңыз кургабаса да тоборсуп калаар. Келиңиз дагы бир чыны кофе ичип алыңыз, - деп Актан кофе сунду. Нестан ойлуу кофеден ууртап, бир нерсе деп сурап ийеби деп көзүн ала качып отурду. Экөө үнсүз көпкө отуруп, анан Актан эстей койду. Өзү туруп барып, үтүктү сайды да, кыздын көйнөгүн үтүктөп кургатып, - Мына, сулуу кыз, даяр болуп калды. Сиз кийине бериңиз, мен машинаны айдап чыгайын, - деп көйнөктү кыздын жанына коюп, сыртка чыкты. Кыз ушунчалык сулуу, бирок абдан арык эле. "Оорукчан болсо керек", - деген ойдо Актан унаасын подъезддин алдына айдап келип, кайра үйүнө көтөрүлдү. Кире бериштеги кыздын ылай туфлисин көрүп, аны тазалады. Анан Нестанды машинеге отургузуп, - Кайда барабыз? - деди Нестанга.

- Жалга.

- Жарайт, - Актан жолго чыгып зымырата айдап баратып улам кызга көз кыйыгын салып койот, анан эстей калып, - Бул жакка эмнеге келдиңиз эле? - деп сурады.

- Курбум жашайт, ушул кебетем менен кайрылбай эле койгонум оң, машинам бузулуп, оңдоочу жайга коюп, жаанда калдым.

- Эч нерсе эмес, сиздейлер баарына көнүшү керек.

- Мендейлерби?

- Кечириңиз, байлардын кыздары дегеним да.

- Эчтеке эмес, ата-энем эмес, мен өзүм Ак үйдө иштейм, - деди Нестан суз калыбынан жазбай.

- Оо, мен кандай адамга туш болгомун, Ак үйдө иштеген эмес, чоңдорду телевизордон көрчү элем. Бир чоң менен баратканым түшүм болбосо экен, мынча болду ким болуп иштегениңизди жашырбассыз дейм?

- Жашыруун…

- Макул, Жалга келдик, кай жагына?

- Бир аз жүрсөңүз, аз калды, - деп, Нестан өйдөрөөк баргандан кийин, - Ушул үйгө токтотуңуз, - деди. Актан үйдү көрүп таңгалды, ал тургай бул үйдү мурда көргөндөй болуп карап калды. Нестан түшүп баратып эңкейип:

- Баары үчүн сизге рахмат, - деди да, акырын басып кетти. Актан анын караңгыга сиңип кеткен караанын бир топко карап туруп, артка кайрылып кетти. Негедир ошондон кийин Актан Нестанды ойлоп коюп жүрө берди, бир күнү жумуштан жаңы келип унаасын токтотуп, дипломатын көтөрө үйүн көздөй басканда Нестан алдынан чыкты.

- Кандайсыз? - Күлүмсүрөп колун сунду.

- Жакшы, сиз кандай, түшкө кирип жаткан жоксузбу? - Актан дагы күлүп учурашты.

- Жүрүңүз, ичке кирели, - Нестан андан жооп күтпөй эле подъездге кирип, өйдө көтөрүлө баштады. Актан эшигин ачып, ага жол бошотту.

- Кириңиз.

- Рахмат. - Кыз Актанды карап, - Мен сизге ыраазчылык билдирейин деп келгемин, баягы күнү өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим, сизге ыраазымын, - деп үстөлгө бир пачка акча койду. - Сиздей адамга кезиккениме ыраазымын, эми жакшы калыңыз, - деп колун суна дагы күлүмсүрөдү. - Жакшы туруңуз.

- Бир аз отурсаңыз кантет?

- Жок, ушуну менен үч жолу келдим, негедир кеч келет экенсиз.

- Жумуш ошондой.

- Да-а, түшүнөм сизди.

- Кофе ичели…

- Макул эми, "куттуу үйдөн куру чыкпа" дегендей кофе болсо каршылыгым жок. - Нестан отуруп калды. Актан чай койду газга. Экөө бир аз сүйлөшүп отурганда:

- Мен сиздин үйүңүздү мурда бир көргөндөй болдум, - деди Актан.

- Айтпаңыз, а мен сизди түшүмдө көрө берчүмүн, адеп биринчи көргөндө бул да түшүм болсо керек деп ойлогом, - деп кыз бажырая карады. Ал күлүп же жылмайып койгондо ушунчалык сулуу көрүнгөнүн байкаган Актан ага жипсиз байланып калгандай болду…

Ошондон көп өтпөй эле экөө үйлөнүүгө макулдашып, чоң үлпөт той өткөрүп, үйлөнүп алышты. Дал ошол экөө үйлөнгөн күнү Актандын түшүндө баягы Айзаттын алыстаган элеси Нестан экөөнү карап колун булгалай: "Бактылуу болгула", - деп акырындап көтөрүлүп барып, жок болду. Жазира ал тойду укту, көз жашын кылгыртып тим болду. Мадинанын баласы балтыр бешик болуп калган, Адина экөө базар кыдырып жүрүп үйүнө кеч келишти. Жумабек аялы менен соттошуп бүтпөй, ал үйдөн кетип, Адинаныкында болчу. Адина экинчи баласын жаңы төрөгөн, Каныбек үйдө карап отурган эле. Адина чексиз бакытка тунуп, өз тагдырына ыраазы. Ошол күнү кечинде Актан Мадинага телефон чалды, ойлоно түшкөн Мадина:

- Алло. - деди көңүлсүз, анан балконго чыкты.

- Мадина, кандай ал-акыбал?

- Жакшы, өзүң кандайсың, куш бооң бек болсун.

- Рахмат, Мадина, мен сенден ушул куттуктоону канча күттүм.

- Кечирип кой.

- Эч нерсе эмес, мен сени тойго чакырмакмын, ошол күнү неге телефонуң өчүрүлүү эле?

- Бузулуп жаткан.

- Мадина, мен сени чын пейлим менен жакшы көрүп, чын жүрөгүм менен сүйдүм эле, - дегенде Мадинанын көзүнөн тоголок жаш мөлт этип кетти. - Угуп жатасыңбы, Мадина?

- Ии-ий…

- Сен мени түшүнбөй калдың, биз эми эки бөлөк жашайбыз, бирок биздин жүрөктөр эч качан бири-бирин унутпайт. Аял-эркек да дос болот, кадимки достордон боло алат деп, мен алымдын жетишинче жар салгым келет кээде, Мадина. Сен дагы бактылуу бол, уулуң чоңоюп жатабы?

- Рахмат, чоңоюп калды.

- Эмесе кош бол, Мадина! - деди да, өчүрүп салды. Анын ыйлап жатканын көргөн Адина:

- Эмне болду? - деп сурады.

- Эчтеке…

- Макул, ыйлап-ыйлап алсаң жеңилдеп каласың. Биз эми адам болдук, Мадина, жакшы көргөн адамың менен коштошуу өтө оор. Мен тамак даярдап койдум, жуунуп келип тамактан, - деп кайра кирип кетти. "Ооба, тагдырыбыз кошпосо айла канча, мен сенин контракт түзөбүз дегениңди түшүнбөдүм, оор болгон ошол учурда. Айылдык өз ордун таппай жүргөн кыздын анда түшүнүгү эмнеге жетмек эле, эми гана түшүнүп өзүмдү-өзүм жек көрүп, пешенеге чийген жазууга көнүп бараткан кезим", - деп томсоро көз жашын сүрттү. Асмандагы жылт-жулт эткен жылдыздарды карап балкондо көпкө турду. Акырында: "Кош бол, менин алсыз, аргасыз айрылган армандуу сүйүүм", - деди да, оор улутуна ичкери кирди…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



/html>