Айгүл ШАРШЕН


"Табышмак жашоо сызыгы"


Өзү таштанды бала болуп туруп, шоруң каткыр Малика кайра эле ошол күкүк энесинин тагдырын кайталайт. Кызын дагы эрге чыкпай жатып төрөп алып, апасынан катып жүргөн жеринен өз кызыкчылыгын ойлогон арам ойлуу Зууракан уурдап кетет. Кийин көп жылдан кийин Малика бир кездеги сүйүүсүн да, жоготкон кызын да, атүгүл таштап кеткен энесин да таап, бактылуу жашап калат.

Малика мектепти бүтөөрү менен эле көптөн көксөгөн максатын ишке ашыруу үчүн шаарды көздөй жөнөдү. Апасы аны токтото алмак эмес, анткени төрөбөй калганда балдар үйүнөн багып алган, бакма кызга эненин тили өтпөдү. Күмүшай менен Табылды бири-бирин катуу сүйгөндүктөн отуз жыл чогуу жашап келишти. Туугандары ажыраш дегенге Табылды болбой койду, Күмүшайга алар ачык айта алышкан жок. Анткени ал абдан жакшы келин эле, тууган-уругун сыйлап, алдынан кыя өтпөй баарына жасаган мамилеси, адамгерчилиги жогору эле. Абысындары аны кээде сөз кылып калышчу.

- Капырай, Табылды өзү деле жалгыз бала болсо, баласыз өтүп кетеби? - деди атасы менен бир тууган Жетешиктин аялы Бурулсун.

- Эмне кылсын, Күмүшай жакшы аял да, Табылдыны да жакшы карайт.

- Төрөп түшпөсө кошомат кылат да, ботом, ушунча жыл жашап, жыты сиңишип калган неме андан кеткиси келмек беле?

- Ой анан убал-соопту ойлобойбу, күйөөсүн ошончолук аяп, сыйласа андан кетиши керек, эртедир-кечтир ал да үйлөнүп, балалуу болушу керек, - деп Бурулсундун үйүндө жай сүйлөшүп жатышканда Күмүшай кирип келатып токтоп калды. - Минтип жүрө берсе тукумсуз өтөт, силер бир туугансыңар, күйө турган силерсиңер, ачык айтып эле кетире тургансыңар, - деди коңшусу Гүлай. Күмүшай кирбей дароо артка бурулуп кетип калды. Табылды өзүнүн ишинде болчу, Күмүшай үйүнө келип, бугу чыкканча ыйлады. Ойлонуп отуруп бир кезде кетмек болду, күйөөсүнө айтпай кетип калайын деди, кийимин алып, үй ичин бир сыйра сыдыра тиктеп алды да, эшикке кадам таштады. Бул алтымыш жетинчи жыл эле. Ал дароо эле апасына барды, эки агасы өзүнчө, бир эжеси күйөөдө, апасы эки небереси менен жашачу. Кызын көрүп утурлай басты. Демейде ал колуна баштык көтөрүп келип, бир түнөп эле кетип калчу, бул жолу себинде алып барган чоң чемоданын көтөрүп суз келди.

- Сага эмне болгон, кызым? - деди эне кабатырлана.

- Мен биротоло келдим, апа…

- Ушундай болорун билгем, туура кылыпсың, өзүңдү да кыйнабай, Табылдыны да кыйнабай, - деп Калыйпа небересине чемоданды көтөртүп кирди.

Үйгө киргенден кийин Күмүшай өпкөлөп ыйлады, басылбай ыйлай берди. Апасы аны жайына койду, "Бугун чыгарып алсын", - деди оюнда, акыры ушундай болуп бүтөөрүн эне жүрөгү сезген. Көптөн кийин Күмүшай:

- Апа, эртең шаарга кетейин, - деди көз жашын аарчый.

- Шаарга эмне бар, кызым, окуп-чокуй турган жаштан өтүп калдың, үйдө эле туруп тур, мен деле жалгызмын. Эмлис менен Эрнис болбосо такыр карайлап калчудаймын, алар билгизбейт, мал-салды карап эрмек дагы.

- Табылды келип калсачы, мен ага айтпай баса бергем да, кокус ал мени көрсө кетпейт, апа, үйлөнбөйт. Ошон үчүн ага көрүнбөй көздөн далдоо болушум керек, - деди айласы кеткендей. Калыйпа түшүндү, кыраакы эне бир кеп укканын, баарын баамдады да:


- Анда сен агаңдыкына кетип кал, мен түшүндүрүп айтайын, Табылды келсе өзүм сүйлөшөм, - деп оозун жыйгыча эшиктен Табылды кирип келди. Эне-бала бири-бирин карап туруп калышты.

- Апа, жакшы турасызбы, күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү? - деп бажырая кол берип, - Күмүш, эмне баса бердиң? - деди аялынын отуруп жатып.

- Балам, чай ич, - деп Калыйпа чыныга чай куюп сунду.

- Ичтим, апа, биз сүйлөшүп алышыбыз керек, - деп Табылды Күмүшайды карады. - Күмүш, эмнеге баса бердиң, биз эми ажыраша албайбыз, жаш болсок бир жөн, экөөбүз тең кыркты ортолоп калганда кайда барасың, бирөө бирдеме дедиби, ачык айтчы?

- Табыш, мен сага бала төрөп бералбагандан кийин сенин бактыңды кармап жүрө бергеним туура эмес. Али да болсо убакыт бар, сен аял алып балалуу болушуң керек, - деди Күмүшай сумсайыңкы карап.

- Болбойт, мен башка аял албаймын, сени менен гана калам, ким эмне десе ошол десин. Балалуу болгондор эле жыргап атыптырбы, кээси балдарын ынтымакка келтире албай машакатта, кээси тартиптүү тарбиялай албай өздөрүнчө азапта. Андан көрө биз сыйлашып, түбөлүк бирге болобуз, - деди ачуулангандай жандалбаска түшүп.

- Мени түшүнсөң боло, Табыш, мен андай кыла албайм, ажырашалы, макулбу? Мен эртең шаарга кетем.

- Мен дагы чогуу кетем, шаардан кимди ким текшерип коюптур, сен үйдө болосуң, мен бир заводго кирип, иштей берем, - деп ордунан турду. - Анда жолго тыйын дайындайын.

- Убара болбосоңчу, Табыш, сен аял ал, балалуу болуп, өз күнүңдү көр, - деди буулуга Күмүшай.

- Жок, мен мал-салды бүт сатам, керек болсо үйдү да сатып, биротоло шаардан үй алабыз да, жашай беребиз.

- Агаларың эмне дейт?

- Менин уялашым деги жок, күйөрүм жалгыз сенсиң, Күмүш. Жетешик мага күймөк беле, эми тууган дечи, анын өз үй-бүлөсү бар. Демек, мен өз тагдырымды өзүм чечем. Сен ушул жерде бол, мени убара кылба, эч жакка кетпе, эки-үч күндө бүтүрүп келем, - деп шарт чыгып кетти.

- Кызым, сен туура түшүн, Табылды сенден ажырабайт, тагдырыңдан көрөөрсүң, айтканы менен бол. Мындан качып, дагы башка бирөөгө баш байлап көнгүчө дагы кыйналасың, ошондуктан жылуу ордуңду суутпа.

- Апа, баласыз өтсө мен күнөөлүү болбоймбу, аял алып, балалуу болсун да…

- Өзү болбосо эмне кыласың, таалайыңан көр деген бар, чыдап баарын акыл менен чече бил, анын да назарын сындырба.

- Көрөйүн, аргасызмын ошого, көңүлүн суутканга аракет кылышым керек.

- Өзүң бил, иши кылып Табылдыңдын айтканы менен бол, - деп Калыйпа кызынын тагдырына ичтен сызып кейип турду. Күмүшайдын да көңүлү ордуна келбей кыжаалат болуп, жан дүйнөсү жабыркады. Төрөбөгөнүнө кейип, кудайга нааразы болгон күндөрүн, жалынып-жалбарганын эстеди, кырктан өтүп, элүүнү көздөп калганда кайдагы бала? Эми турмушта жашоосуна ыраазы болуп, карды тоюп, кийимдин жакшысын кийип, бакубат өмүр сүрүүдөн өткөн бакыт барбы? Ансыз да канча өмүрүн ыйлап-сыктап өткөрүп жиберди, кудайга ашыкча жалбарып ыйлагандын өзү да күнөө имиш. Андан көрө тирүүлүгүнүн өзүнө тобо кылып, жашоонун өзү ырахат эмеспи.

Табылды үйүнө жетээри менен эле түндөп тоого барып, энчилүү малын бүт айдап келди, эртеси үйү сатылат деп кулактандыруу жазып илди. Жетешик менен Бурулсун аны угаары менен жетип келишти.

- Табылды, бул эмне кылганың, атаңдан калган үйдү сатканың туура болбойт, жашың элүүгө чамалаганда тентигени турасыңбы? - деди инисин жактыра бербей.

- Атамдан калганды кармап калгыдай балам болбосо эмне кылам, андан көрө тынч күнүмдү көрөйүн, - деди Табылды жер карай.

- Кой, бала, анткениң болбойт, андан көрө Күмүшайды жайына кой да, үйлөнүп, бала-бакыралуу болушту ойлон. - Бурулсун ушинткенде Табылды ага-жеңесин карады:

- Аял албайм, адам бир төрөлүп, бир өлөт, бир гана жолу үйлөнүү той болот. Мага башка аялдын кереги жок, Күмүшай менен жашап өтөм, - деди ал. - Бул үй сатылбаса силер карап тургула, кийин келип, сатып кетээрмин.

- Туура кылбадың, Табылды, сенин курагыңда эмес жетимишке чыкканда балалуу болгондор бар, сага алып берээр келинди да таап койгонбуз.

- Кереги жок, байке, мен үчүн кам көргөнүңөргө рахмат. Эртең малды базарга алып чыгып дүңүнөн сатам да, шаардын чет-жакасынан үй алам. Бул үйдү саткандан кийин кайра мал кылып, тынч жашоомду өткөрөм, - деп үңкүйүп туруп алганда Жетешик унчукпай калды. Эртеси ал малын сатып, бир топ акча кылды да, үй-жайын агасына дайындап коюп, Күмүшайга келди. Ал күнү аерде болуп, эртеси шаарга жөнөп кетишти, бат эле сатыла турган үй табышты. Беловодскиден төрт бөлмө үй алып, ошондон көп өтпөй айылдан жүгүн ташып келишти. Күмүшай жөн жаткан жок, ошол арада шаарга тез-тез каттап, бир төрөтканада классташы иштээрин билди. Ага сырын ачты эле, ал бала табылаарын кыйыта, көзүн кысып койду. Какаганга муштаган болуп ошол арада эркек бала табылбай жатты, акыры Табылды экөө кеңешип, кыз болсо дагы багып алмак болушту. Бир миң тогуз жүз жетимиш төртүнчү жылы күзүндө үч күндүк Маликаны кубанычы койнуна батпай үйүнө көтөрүп келишти. Табылды экөө ымыркайды колдон колго өткөрүп, ыйласа үйрүлө түшүп, оозуна упчу кармап, бири жалаяк камдап, бапестеп багып жатышты. Ошентип бири-биринен айрылгысы келбеген жубайлардын кубанычы элге угулуп, туугандары келип кетишти. Малика бир жаштан өтүп калган болчу, жээк-жааты Күмүшай өзү төрөгөн экен деп ойлоп калышкан. Беловодскиге келгендерине эки жылдан ашып калган. Ошентип Малика жубайлардын сүймөнчүктүү кызы болуп чоңоюп баратты. Ошол кезде Күмүшайдын жүрөгүн ооруткан бир окуя болуп өттү. Бир күнү классташы ага шашылыш келди.

- Күмүшай, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деди келээри менен.

- Жайынча элеби, эмне мынча камыгып алгансың? - Күмүшай деле жүрөк түпкүрүнөн бир нерсени сезгендей түпөйүлдөнө карап калды.

- Маликаны таштаган кыз кайра келип атат, жигити экөө таарынышып кеткен экен, кызын таштап койгонун билгенде анысы баланы алсаң табышып үйлөнөбүз дептир, ким алып кеткенин билишим керек дейт.

- Эмне кылабыз анан, биз Маликадан ажырасак өлүп калабыз, Замира.

- Мен айтпайм деп тырышып жатам, айтор жаным чыгып, сага кеңешкени келдим. Кызды чарчап калган деп кагаз даярдашыбыз керек!

- Кантип, кимден алам?

- Мен өзүм даярдайм, бирок аны алыш үчүн бир топ акча керек болот.

- Канча? - Күмүшай ушул азыр дүнүйөнүн түбүн сураса да колунан келгенин жасай турган абалда эле. - Эмне десең да макулмун. Айт, канча керек?

- Аяк-биягы он миң болот го…

- Макул, аны таап берем, кыскасы кызымды менден ажыратыш же калтырыш сенин колуңда.

- Анда сен эртең жумушума бар, акчаны ала бар, экөөбүз сүйлөшүбүз да, төрөтканадан эле чарчап калган деген документ даярдап, төрөлгөндөгү делосун жок кылып койолу, - деди Замира. Ал жөн гана акча алмакка ошенткен болчу. Маликаны төрөгөн кыз он жетидеги жашы жете элек кыз эле, өз энеси келип төрөтүп, таштап кеткен. Экинчи кайрылмак турсун, ал аял кызы бул төрөтканада төрөгөн деген документтерден бери жок кылдырган болчу. Бирок ал делону жоготтум деп коюп, Замира өз үйүнө алпарып катып койгон. Ошентип опузалап акча алыш үчүн классташына келген эле. Замиранын акча табууну көздөгөн арам оюн Күмүшай кайдан билсин, эртеси он миң рублди курбусуна жеткирип берип, көңүлүн жайгара үйүнө кайтты.

Малика өтө эле эрке кыз болуп чоңоюп келатты. Малика он бешке чыгып калганда Табылды катуу оорудан көз жумду. Айрыкча Малика үнүн баспай атакелеп буркурап-боздоп, элди аябай ыйлатты. Туугандары чогулуп келип, Табылдыны өз жайына коюп, акыркы милдетинен кутулушту. Күмүшай жалгыз кызынын бактысын ойлоп, ошого көңүлүн буруп, кабагына кир жолотпой багып жүргөндө дагы бир окуя болуп өттү. Малика мектептен келип эле:

- Апа, мен кимдин кызымын? - деди ыйлай берип кызарган көздөрүн апасына кадап. - Мени бирөө төрөп таштап кетти беле?!

- Эмне дедиң, кызым, ким айтып жүрөт муну? - Күмүшай муундары калчылдай кызын эңиле калып кучактай калды, көзүнүн жашы мончок-мончок болуп ылдый куюлуп турду. - Калп айтат, кызым…

- Жок-жок, өзүң калп айтасың, сен багып алыпсың го, эмнеге менден жашырасың? - деп ички үйүнө кирип, эшигин жаап алды Малика. Күмүшай кызынын ыйлап атканын угуп, эмне кылаарын билбей көзүнүн жашын төгүп, турган жеринде селейди.

"Оо жараткан, бул эмне деген азабың эле, шумдуктуу дүйнө ай, кандай кара оозуңа кан толгур айтты экен? Эми эмне деп айтам, кантип өз энең эмесмин дейм, ушул азаптан көрө бакпай койсом эмне, кандай күндө калдым?!" деп дубалга жөлөнүп, ылдый көздөй сыдырыла нес болуп отура берди. Көзүнүн жашы жүзүндөгү билинээр-билинбес бырыштар менен сай-сайга түшүп аккан суудай тарам-тарам болуп агып жатты. Бул убакта ал сел каптап келатса да сезбей турган абалда эле. Канча отурганын ким билет, бир маалда ички каалга ачылып, Малика чыкты. Күмүшайдын бир чекитти тиктеп, делдейип отурганын көргөндө боору ооруп кетти. Бала болсо да ойлонуп отуруп, бир чечимге келген эле. "Эмнеге апамды капа кылдым, багып алса эмне экен, алчаңдатып багып отурса, акылсыздык кылып, жүрөгүн оорутканым туура эмес", - деп ойлонуп чыккан кыз апасынын акыбалын көрүп, коркуп кетти.

- Апа, апакебай, кечир мени, турчу өйдө, - деп колтугунан өйдө кылып, төшөккө алып барды. - Апа, кечир мени, мен акылсызмын, апаке, мен сени капалантып койдум, - деп мойнунан кучактап алып, өпкүлөп ыйлап жатты.

- Сен мени кечир, алтыным, кечир, садагам. - Күмүшай сүйлөй албай жашка мууна мукактанды.

- Койчу, апакебай, кечирим сурабачы, мен акылы жок эркеликтин айынан сенин жүрөгүңдү оорутуп койдум.

- Эчтеке эмес, көпөлөгүм, эртеби-кечпи боло турган иш эле, уга турган сөз эле, - деп Күмүшай өзүн кармана Маликаны токтоо карады. - Ушул сөздү башкадан эмес өзүмдөн уксаң болмок. Пендемин да-а, эчтекени укпайт, көрбөйт деп ойлогонумду кара, эсиңе киргенде эле айтсам болмок экен…

- Болду, апа, эчтеке айтпа мага, эми эчтекени уккум дагы келбейт, менин апам жалгыз гана сенсиң, сенсиң, апакем! - Малика апасынын төшүнө башын жөлөп алып, солкулдап жатты. "Курган жаным ай, секелегимдин жүрөгү канап жатат го. Жараткан, өзүң кечире көр, өзүң бербеген баланы бирөөдөн алып бакканым күнөө болдубу, мен болбосом дагы бирөө багат эле го, дүйнөдө жалгыз мен бекемин балага зар болгон? Мейли, өз энеси эмес экенимди билгени жакшы болду", - деп ойлоп отурду. Ал күнү эне-баланын ортосунда ошол бойдон сөз уланбай жатып калышты. Эртеси эрте Малика мектепке кеткенде Күмүшай шаарга жөнөдү, ал шашып-бушуп Замираны тапты.

- Эмне жайчылыкпы? - деди ал курбусун көрүп эле.

- Кайдан, Маликага кимдир бирөөлөр менин багып алганымды айтып коюшуптур. Эмне кылаарымды билбейм, алтымышка чыгып калдым, эгер ошол төрөгөн кыздын аты-жөнүн, дарегин билсең мага бер, жанымда болсун. Кокус ооруп-сыркап калсам же бирдеме болсом байкуш Маликам кимге барат, ошону үчүн ага өлөөрүмдө айтып-деп кетишим керек. Азыр тогузунчуда окуп калды, менимче акыл токтотуп баарына саресеп салчудай…

- Күмүшай, туура айтасың, сенин апаң да өтүп кетти, эжең менен агаң деле анча карабайт, өз балаң болсо башка эле.

- Ооба, алар башында эле бала бакканымды жактырышкан эмес.

- Менде төрөлгөндөгү делосу бар, ошону алып бекитип ал, анда бүт дареги бар, - деди эле Күмүшай кубанып кетти. Делону алып, үйүнө түш ченде келди, эшикти ичинен илип, делону окуп кирди. "Венера, Венера деген экен да, Султанова Венера", - деп көпкө чейин карап туруп, анан шашылыш сандыгын ачып, эң түбүнө салып койду. Күмүшай малдуу-алдуу, пенсиясы бар, кызы экөө эч нерсеге муктаж эмес. Эшигинин алдында жер-жемиштери менен багы бар, бир жагына жашылча айдап алышат. Кыскасы, өздөрүнө тың. Малика баягыдан кийин токтолгонсуп калды, апасынын айтканын илгиртпей аткарат, өзүн жайдары алып жүрөт. Мектепти бүтөөрү менен эле шаарга кетип, өз максатына жетмек болду, кыялында актриса болгусу келет. Шаарга келип искусство институтуна тапшырды, бирок упайы жетпей өтпөй калып, үч айлык курска кирип алды. Ошол жерде жүрүп, Айдар менен таанышып калды. Айдар Айыл чарба институтун бүтүрүп, жаңыдан гана иштей баштаган. Маликаны бир көрүп сүйдү, Малика дагы аны көрбөсө чыдай албайт. Сүйлөшкөндөрүнө бир жылдай болуп калганда бир күнү Айдар:

- Малика, мен атамдарга кеңешип келейин, сен даяр тур, макулбу? - деди кучагына кысып туруп. - Кандай дейсиң? Биз үйлөнүшүбүз керек, бийкеч.

- Ыраспы, анда мен апама айтайын, - деп Малика кубанычтуу карады, Айдар аны жалжылдаган көздөрүнөн өөп:

- Ырас, жаным, минтип жүргүчө бирге бололучу, үйлөнүп алалычы, ар дайым уйкудан ойгонгондо жанымда болсоң, көзүмдү ачаарым менен жүзүңдөн аймалап өөп ойготсом кандай бакыт. Атамдар сени жакшы тосуп алаарына ишенем, - деди саамай чачтарын артка карай сылап.

- Мен сага ишенем, алтыным. Укканда апам дагы кубанат болуш керек, сенин балдарыңды көрүп, эркелетип ээрчитсем болот эле деп көп айтат, - деди Малика ага эркелей. - А сен эрке күйөө бала болосуң.

- Чынбы? - Айдар кызды суктана карады. - Сен кандай керемет жансың, алтыным, жылмайганыңда көздөрүң күлүп, өзүңчө эле бактыга тунуп тургандаң сезилесиң.

- Мен чын эле сулуумунбу, Айдар?

- Аябай сулуусуң, сени төрөгөн аял кандай гана адам болду экен, мага сендей назик, супсулуу кызды жаратып берген.

- Апамбы?! - Малика ойлуу телмире түштү, ал өзүн жарык дүйнөгө алып келген апасын ойлоп ийди: "Ырас эле кандай аял болду экен, ал дагы мага окшош чыгаар, эмнеге таштап койду мени? Балким төрөгүсү келбегендир же эри жок төрөдү бекен? Андай болсо мен ал аялды көргүм да келбейт, жек көрөм ошондой аялды, төрөгөн баласын башка бирөөгө берип коюп, бейкапар жүргөн аял эне деген сөзгө татыксыз". Көздөрүнө жаш тегеренип кетти, аны байкаган Айдар:

- Малика, сага эмне болду, мен туура эмес сүйлөп алдымбы? - деп чочулай карады.

- Жок-жок, , мен апамды эстеп кеттим, азыр ал мени келет деп акыйып күтүп жаткандыр. Айдар, эгерде мен турмушка чыксам ал биротоло жалгыз калат, - деп сөздү башкага бура жашын төгүп ийди.

- Капаланба, жаным, эгерде үйлөнүп алсак шаардан үй алып, апабызды колубузга алып алабыз, - деп Айдар сооротуп, ары жакка алып барып, балмуздак алып берди. Ар кайсыны сүйлөп күлдүрүп, экөө кучакташа көпкө басып жүрүштү. Ошол эле күнү Айдарды атасы шашылыш чакыртып ийгендиктен, ал Малика менен коштошо албай кетип калды. Малика анын кеткенин угуп, жакшылыкка жоруду. Бирок эки күн өтпөй эле Айдар кайра келди да, дароо Маликага жолукту. Сүйгөнүн көргөн Малика таарынгандай бултуң этти:

- Эмнеге айтпай кетип калдың?

- Кечир, Малика, атам ооруп калыптыр, чакыртканынан барсам төшөктө экен, - деди салкын.

- Жакшыбы анан?

- Ооруканага алып келдим.

- Жакшы болуп калсын, кечир мени, сага аябай таарынбадымбы? - деп кыз заматта жадырап кетти.

- Таарынба, алтыным, мен атама сен жөнүндө айттым, ал сакайып кетсе эле үйлөнөбүз.

- Макул, мен даярмын, сенин ак жоолукчан делбириң болсом арман жок, - деп кыялдана жигиттин төшүнө башын жөлөдү. Айдар кыздын жүзүнө тик багып кароодон жалтаңдап жатты. Атасынын: "Мен десең башка кызга үйлөнбө, сен Мустафанын кызына гана үйлөнөсүң, көзүмдүн тирүүсүндө аны алып кел. Мен Мустафага сөз берип, кол алышып койгонмун, сөзүм адал болсун", деген сөзү жүрөгүн өйүтүп турган. Ал тургай досунун кызын Айдарга тааныштырууга жетишкен эле. Көкүрөгүн өйүгөн учурду эстегенде Маликага бир боору ооруп, андан ажырагысы келбей, ошол күнү көпкө жанында болду. Бул кезде алар бирге болууга ант беришип, эбак эле кошулуп алышкан. Маликаны аяп турду дилинде, бирок атасынын сөзүнө каршы тура албады, же кызга сырын ачык айта албады. Күүгүм киргенде экөө ээрчишип Айдардын батирине келишти.

- Малика, иштериң кандай, быйыл окууга тапшырасыңбы?

- Албетте тапшырам, мага бир эже жардам бермек болду, - деп Малика эч нерседен капарсыз кубанычтуу карады.

- Куттуктайм, элге кызмат кылган белгилүү адам болушуңа тилектешмин, - деп Айдар аны маңдайынан өөп койду.

- Айдар, сен башкачасың…

- Эмнеге?

- Билбейм, ойлуусуң, мага бир нерсе айтчудай болгонуң менен айталбай жаткандайсың…

- Койчу, алтыным, сенин ички сырды билип коймоюң барбы? - деп тамашалай мурдунан чымчып эркелете өпкүлөп, кучагына кысып алды. - Ээ-эч кандай сырым жок, сенден жашыруун сөзүм жок, алтышкам.

- Деги да, жүзүңөн көрүнүп турат…

- Билгичтик кылбачы эми, кана, бүгүн эмне тамак жасайбыз? - деди жигит ашыгына күлө карап. - Кел, экөөлөп бир даамдуу тамак жасап ичели.

- Макул, - деди Малика ойлуу. Экөө тамак жасап, кардын тойгузгандан кийин түн бир оокумга чейин сүйлөшүп жатып, анан бир жаздыкка баш коюшту. Ушул түнү Малика негедир жүрөкзаада болуп жатып, араң уктады. Айдарга ишеничи өчкөндөй болуп турду, жалтаңдап көзүн ала кача тике карабай сүйлөгөнүнө таң калып: "Мында бир сыр бар, балким ата-энеси каршы болуп койгондур, ошону айта албай жатпасын, же башка кандай сыр болушу мүмкүн", - деп түшүнө албады. Эртеси Айдар Маликага жолугуп:

- Мен атамды ооруканадан чыгарып, айылга алып кетем, врачтар алып кеткиле деди, - деди сабыры суз.

- Жакшы болуп кетсин, кайра качан келесиң?

- Билбейм, жанында болушум керек го?

- Мени унутуп калба, Айдар, - деп Малика көз жашын кылгырта карады.

- Кабатыр болбо, атам сакайып кетсе бат эле келем, врачтардын айтканына караганда акыбалы начарыраак. Бирок сен кам санаба, буйруса бат эле келип калам, анан экөөбүз айылга кетебиз, - деп убаданы көп-көп берип, жөнөп кетти. Үйүнө баргандан кийин алсыз атасы уулун жанына чакырды.

- Ата, угуп жатам.

- Уулум, канча күнүм калды ким билет, сенин үйгө ак жоолук киргизгениңди көрөйүн, Айперини алып кел, балам.

- Ата, мен сүйлөшкөн кызымды эле алып келейин, - деп Айдар башын жерге сала дулдуйду.

- Жок, атам десең сөзүмдү эки кылбайсың, өлөөр алдындагы өтүнүчүмдү кайтарба! - деди атасы ачуулуу.

- Болуптур, ата, айтканыңдай болсун, - деп эшикке чыгып кетип, ошол күнү шаарга келди. Маликага жолугуп, анын боюнда бар экенин угуп, ого бетер кыжаалат болду. Атасынын абалын көрүп туруп, каршы турууга даабады, аргасы кетип Маликага да эч нерсе дебей кетип калды. Келсе атасы даярдык көр деп кемпирине дайындап, Мустафаларга да айттырып койгон экен. Айдар ичинен сызып, акыры Айпериге үйлөнүүгө макул болду.

Айпери келгенден эле кыял-жоругун көрсөтө баштады. Келин киргизгенден кийин эки жума өткөн соң атасы бул дүйнөнү таштап кете берди. Айдар атасынын өлгөнүнө кайгырып, достору менен ичип жүрүп алды, кечинде мас болуп келет, аялын карап да койбойт. Ошондо Айпери жинденип урушуп кирди:

- Мени сен эмне, күңдүккө алдың беле, келесиң да кетип каласың, же эмне, көңүлү жок алдың беле?

- Барчы ары! - деп колун шилтеп койду Айдар. - Жата бер да, аялым болсоң болдубу?

- Мен бул жерде жаткан устун бекемин, так башыңа чай кайнатам, өмүр бою менден кутулам деп ойлобо, карабай койсом кетет деп ойлоп жатасыңбы?

- Кетпесең жүрө бер!

- Күң болуппу?

- Жатчы эй, бирди көрө элегиңде, - деп ары карап жатып алды Айдар.

- Ийи, эмнени көрсөтөсүң, көрсөтө кой, атама айтып сага мен көрсөтүп жүрбөйүн? - деп Айпери караңгыда булкулдап кийине баштады. - Алчууңду ал, ошондой эле каалабай турган болсоң каалаганыңды ала бер! - деп чыгып кетти. Үч-төрт көчө арыдагы үйүнө кетип калды. Айдар анын кеткенине сүйүндү, мас болсо дагы аны дилинде көргүсү келбеди. Бирок ушуну менен баары бүтүп калган жок. Эртеси таң атпай кайната-кайненеси болуп кирип келишкенде Седеп чочуп кетти:

- Ботом, куда, тынччылыкпы деги?

- Тынччылык болсо тынч уктап жата бербей неге келебиз, сен, кудагый, уул-келиниңдин чатагына көңүл бурбайсың го? - деди Мустафа кекээр үн менен. - Бу кандай, балаңа мен кызымды таңып бергенсип карабайт имиш, ичип келип алып, сөгүп-сөздөйт экен.

- Ботом, уруш-талашын деле көргөнүм жок, өздөрүнчө эле урушпаса, үнү деле угулган жок, - деп күнөөлүүдөй бөйпөңдөгөн Седеп Айдарды ойготкону ички үйгө кирди. - Ой бала, турбайсыңбы ыя, аялыңдын кетип калганын билбей жата бересиңби?

- Апа, башым ооруп атат, бара берчи, апа.

- Тур, кайната-кайненең келди, Айперини уруштуң беле, кокуй?

- Урушканым жок, өзү эле кетип калган.

- Эмне кетиресиң, кетирбей койбойт белең? - деп төшөгүн сыйрып тургузду.

- Апа, тынч уктата койбойсуң, - деп зорго кийинип жатканда Мустафа кирип келди:

- Жаман уул атасы өлгөндө көбөт деген, сен, бала, көзүңө карап жүрбөйсүңбү?

- Ата, мен эмне кылдым?

- Эмне кылганыңды Айпериден сура!

- Айпери өзү эле сүйлөй берет, мени жинди кыла турган болду.

- Жинди кылса алып кетемин, андан жакшы аял алганыңды көрөм, атаңдын кадыры деп макул болуп койсо муну кара, - деп эшикке карай жөнөгөндө Седеп Айдарды урушуп кирди:

- Ыя кокуй, эки башты бирдей кетирет деген эмне шумдук, ичиндеги балага эмне болот, өзүң жалгызсың, балам, алып кал!

- Апа…

- Унчукпа, келинди алып кал! - деди да, өзү чыгып кудасынын алдын тосту. - Капырай, Мустафа, эртең мененки даамдан ооз тийип, эл-журтка кеп болбой, сыйыбыз менен калалы.

- Мен баары бир кетем, балаңа көз каранды болуп жүрө албайм! - Айпери ушинткенде атасы аны тыйды:

- Унчукпа, кайненеңди сыйласаң, өнүп-өсөсүң, сен эмес мен Седепке катуу айткан эмесмин, кир үйүңө!

- Ата…


- Болду, экинчи арызданып барчу болбо!

- Кызым, кой андай дебе, мени кандай сыйласаң Седепти дагы ошондой сыйла, - деди апасы Апал.

- Эмнеге мени укпайсыңар, ушинтип жүрө беремби, Айдар мени сүйбөйт, күндө ичип келет, - деп Айпери шолоктоп ыйлап кирди.

- Кызым, мен сени келиним эмес кызым дейм ар убак, келгениңе жарым жыл болду, эрте мененки чайың кайналуу, тур деп айтпадым, кириңди кошо жууп жүрөм, кечке уктайсың, менден зыян тарттыңбы, балам? Кайнене эмес энедей карап отурам го? - деди Седеп атайын. - Мустафа менен Апалдар болуп илгертен коюбуз короолош, аштыгыбыз ороолош, жайлоону бирге жайлашып, жылкыны бирге байлашкан сыйлуу адамдарданбыз. Балдардын айынан бири-бирибизге жат болбойлу деп тамагыңды жасап, кириңди өзүм жууп отурам, балам. Же бир жолу минт-ант дедимби? - дегенде Мустафа аялын акырая карады.

- Кызыңа эмнени үйрөткөнсүң, илгертеден Седепти биле туруп, айтып-деп койбойт белең, ат-таңдын гөрү, эси жок аялдан эсирген кыз туулат деген. Кечир, Седеп, Айперини сага тапшырдым, тарбиялап биротоло келин кылып алаарсың, же сөйкөмдү бердим колуңа, зөөкүрдү салдым жолуна дегендей айдап салаарсың, - деп Мустафа ыйлап жаткан кызына карады. - Экинчи үйгө барсаң күлүп-жайнап Айдар менен бар, болбосо көзүмө көрүнчү болбо! - деди да нандан чымчып ооз тийип, эшикке чыга жөнөдү. Апал үндөбөй эринин артынан кетти. Айпери ыйлаган бойдон кала берди, Седеп аларды күлө карап узатып чыкты. Ошол убакта уйкудан ойгонгон Айдар чыгып келатып, анын ыйлап отурганын көрүп, жини келсе да унчукпай сыртка чыгып кетти.

Айпери атасынын айтканынан кайтпаган мүнөзүн билгендиктен үн дей албады, эгер дагы арызданып барса, үйгө киргизбесин билди. Чынында Айпери келин болуп келгени үй ичинен эч иш жасап көрө элек. Күзгүгө каранып отура берет, бери дегенде он экиде зорго турат, кийим-кечесин үйүп койо бергенинен Седеп жууп-кургатып койсо уялбай кийип алчу. "Дагы да ойлонбоду, курган Апал кыз тарбиялабай эле эмне кылып жүргөн, дагы чыдап көрөйүн, жаштыгы-мастыгыдыр. Айдардын көңүлү бузулуп жүргөндө бирдеме десем жетелеп барып таштап келчүдөй, эсине келип ойлоноор", - деп тим койчу. Айпери ошондуктан сөз ката албады. Эшиктен кирген Седеп:

- Биерде эмне отурасың, балам, кир үйгө, - деди акырын.

- Сиз эмнеге кир жууганды айтасыз? - деди тултуңдай.

- Балам, биз бири-бирибизден сыр жашырып көргөн эмеспиз, азыр айтпасам кийин кеч болуп калбайбы. Келин деген келген жеринде эрте туруп, кайненеге кызмат кылат, менин да жашым келип, силердин сыйыңарды көрөөр бекем деген жакшы ой-тилегим бар. Жалгыз уулум болсо анан кимден үмүт кылмак элем? - деп ичкери кирип, уул-келини жаткан төшөктөрдү жыйып кирди. Уялдыбы же келиндик милдетин эми сездиби, Айпери өзү билип чай коюп, үй шыпырууга киришти. Ошондо үч-төрт айлык боюнда бар эле.

- Апа, тим коюңуз, мен эле кылам.

- Мейли, балам, жардам бергенден эчтеке болбойм, - деп Седеп мыйыгынан жылмая өз бөлмөсүнө кирди.

- Апа, бул эмне таң азандан чуу кылып жүрөт? - деди эшиктен кирген Айдар.

- Болду, сүйлөбө, кечээ гана ата-энесинин төрүнөн келип, бирөөгө бүлө болгон келинди өз жайына кой. Бүгүндөн баштап сенин ичкениңди көрбөйүн же сени атаң экөөбүз ушинтип тарбиялап, ичип кетсин деп окуттук беле? Эки эжеңе арка-жөлөк болоор атаңан кийин сенсиң!

- Апа, мынча эмне ачууң келип калган?

- Ачуу келбей турган ишпи, кечээ жакында атаң өлүп, жыл айлана электе ичип жүргөнүң эмнең ыя?

- Эмне болуптур, балдар менен…

- Ок акылы жок, жаман уул атасы өлгөндө көбөт, жаман кыз кир жууйм деп коркутат болгон. Баягынын баласы дегидей сапат калдыбы сенде? - деп ачуулана караганда Айдар үндөбөй калды, башын жерге салып үңкүйүп отуруп берди. - Сен кайгыны ушинтип жеңем деп жатып, балчыкка белчеңен батып калаарыңды сезесиңби ыя, сенден үмүтүбүз зор эле го?

- Кечир, апа, экинчи мындай болбойт.

- Апа, чай ичиңиз, - деп ошол кезде Айпери ага чай сунду.

- Кудай жалгасын, кызым, акылы жокко миң жолу айтканча тура калып, бир чап деген сөз бар. Сени мен уулумдун жары, өмүр шериги, сыртымдан чыккан бала деп билем, менин айтканыма капа болбо, жетесизди жетелесең болбойт, идиреги бар көз кыйыгың менен караганды түшүнөт. Мындан аркы жашоо экөөңөрдүкү, мал-мүлктүн баарын асырап күтүп алсаңар күтүп алгыла. Болбосо кыздарга бөлүп берип, өзүм кыз-күйөөлөргө барып күн өткөрөм, эчкинин жашындай жашым калды, эми эчтеке кызыктырбайт, - деп катуу-катуу айтты Седеп. Чынында анын да жанына баткан эле.

- Апа, андай дебе, мал-мүлкүңдөн мурун өзүң керексиң, капаланба, апа, эч качан сени бирөөгө көз каранды кылбай калайын, - деп Айдар жалдырап ийди. - Мени кечирчи, катуу капалантып койдум окшойт.

- Апа, андай дебеңиз, эжемдерге барбай эле биерде болуңуз, Айдар экөөбүз сизди кетирип ийип кантип жүрөбүз? - деп Айпери да бир жагынан чыкты. Седептин алтымыш тамыры жибип, уул-келинине ыраазы болуп турду. Бирок уулунун Айперини жактырбаганын башынан эле билгендиктен, экөөнү эптеп бири-бирине камдаштырып, ынтымактуу болуусун каалап жатты. Айдар канчалык берилип, Айперини жакшы көрөйүн, тагдырыма моюн сунайын деп, өзүн-өзү кыстаса да жан дүйнөсү аны кабыл албады. Айпери тыпылдап кирип чыгып, жумушун жасап жаны тынбайт. Апал эки-үч күндө бир келип, кабар алып турчу болду. Седеп экөө чай ичип, көпкө өткөн-кеткенди эстеп күлүп алышат. Аңгыча кыштын ызгаардуу күнүндө Айпери уул төрөп алды. Айдар ошондо бир өзүнө-өзү кеңешип, бир жыйынтыкка келгендей болду. "Эми балалуу болуп калдым, Малика мен барганда да кабыл албайт, эмгиче ал дагы төрөгөндүр, балким алдырып салды бекен? Ага да оор болду го, атамды өлөөрдө нааразы кылбайын дебедимби, эми Айпери менен аргасыз жашоого туура келет, кантсе да уулум бар эмеспи", - деп ойлоп, Маликанын жалжылдаган ойноок көздөрүн эстегенде жанын койорго жер таппай кетет. Күнүмдүк тиричиликке алаксып, өзүн-өзү алдап жашап жүрдү.

Ошол жылы кышында Седептин бир тууган сиңдиси күйөөсүнөн ажырап, ага карайлап келген экен. Жашы алтымыштарга келип калган Жайкал эч төрөгөн эмес, ошондуктан ушу жашка чейин он чакты күйөөгө тийди. Балалуу күйөөгө тийип, анын балдарын бакканга бир топ эмгеги, өмүр жашы короду. Акыры тынч алып, беш жылдай жашап калган күйөөсү өлгөндөн кийин балдары батырбай үйүнөн чыгарып койгондо Седепке келген экен. Бир тууган сиңдисин кыймак беле, кучак жайып тосуп алып, акыл-насаатын айтып отурду. Жайкал Седептен үч жаш кичүү. Экөө эрмектешип оңуп калды. Айдар ал келгенден кийин улуу эжеси Толкунга барып, анын улуу кызын алып келди да, апасына кеңешип, шаарга кетмей болду. Бул кезде социализмден коммунизмге карай деген ураан өрт өчкөндөй өчүп, өлкөбүз өзүнчө мамлекет болду. Капитализмге кадам таштап, алдуу-алсыз, малдуу-малсыз дегендей элдин экиге бөлүнө баштаган убагы. Шылуундары бат эле чоң-чоң ишканаларды приватташтырып, өздөрүнө каратып алышты. Айдар шаарга келип, мурдатан тааныш досуна жолукту да, анын ишканасынын бир жагын көзөмөлдөй турган ишенимдүү адамы катары ишке орношту. Анан акырындап орун-очок ала баштаганда эси-дарты Маликада болуп, жолуксам дегенде эки көзү төрт болгон менен жолуга албады. Тагдыр алардын жолун абдан алыс кылып койгон экен, ошол унаа толгон кең жолдо экөө тең баратса дагы бири-бирине жолугуша албады. Айдар светофордон токтоп калганда жети-сегиз жаштардагы кыздын акча сурап жүргөнүн көп көрчү болду. Бул учурда анын алдында машинасы, үстүндө үйү бар, эки уулу мектепке барып калган. Негедир ал кыз көрүнбөй калса, эки жакты элеңдей карап, издеп калат. Качан жол келгенде жүрүп кетет, ал кыз өзүнө жете албай кала берет, анткени ары-бери өткөндөрдүн көбү чакырып, аягандан акча беришчү. "Ка-ап, мага жетсе мен да берип койбойт белем", - деп кейип калды Айдар. Бир күнү атайы ошол жерге жакындаганда жылбай туруп алды. Тепилдеген кыз жетип келип:

- Байке, кайыр-садага бериңиз, атам оорукчан, иште албайт, - деп тике маңдайында турду.

- Ала кой, кызым, атың ким? - деди Айдар жылмая. Негедир ушул кызды бир жерден көргөндөй болду, жупуну кийинип турса да көзгө сүйкүмдүү көрүнөт.

- Атым Өктөм, сизге рахмат, - деп коюп, ары жүгүрүп кеткен кызды узата караган бойдон ойлонуп кеткен экен артындагы унаа жан-алы калбай сигнал бере баштаганда шаша айдап жөнөдү. "Кимге окшоштуруп жатам, же бир жерден көрдүм бекен, жо-ок, жакындан көргөнүм ушу" деп ойго чөмүлө үйүнө келсе эки баласы эки жактан чуркап келип, кучактап калышты.

- Ата, мага эмне алып келдиң?

- Магачы, ата?

- Мен силерге момпосуй, шоколад алып келдим, - деп эки уулун тең өөп, алып келгендерин бөлүп берди. Өзү кайра чыгып баратканда Айпери:

- Эми каякка? - деп сурады.

- Эшикке. - Айдар аялынын сураганын жактырбай күңк этип койду.

- Эшиктен келип эшикке карай жөнөйт, бу мени адам катары да көрбөйт, келсе балдарына келет, менин бар-жогум буга маанисиз, деги тажап кеттим ушундан.

- Тажасаң каалаганыңды жаса деп жүрөм го?

- Эмне, кете бер дегени турасыңбы, ушунча жыл сенин ыдыгыңа чыдап, муздай суук койнуңда жаткандан да заарканып калдым.

- Зааркансаң жатпа, биз балдарым болуп жата беребиз ээ, балдарым? - деп Айдар ага карабай жооп кылды.

- Ооба, ошол балдар болбосо мени менен калбай тургансың, баарын билип эле турам. Сен мени эркектик кумарың үчүн бир алып жатасың, болбосо он жылдан бери бир жылуу сүйлөп койдуңбу? - деп Айпери ызалана сүйлөй берди.

- Ошо жаныңа жатканыма сүйүн, - деп Айдар ого бетер жинин келтирип айтты эле Айпери:

- Ооба, жатканыңа сүйүнөйүн, эч ким карабагансып атам сага байлап салбаганда жаныңа жарым мүнөт турбас элем, - деди ансайын буркулдап.

- Экөөбүздү тең аталарыбыз байлаган, болбосо сени алмак турсун сүйлөшмөк эмесмин. Азыр дагы кеч эмес, каалаганыңа кете бер!

- Кеткенди эми көрөсүң, бул үйдөн мен эмес сен кетесиң, балдар менен үйдө мен калам. Кийим-кечеңди ал да, каалаган жагыңа кете бер! - деди бөйрөгүн таяна жүзүнөн заары чачырай.

- Ой, сен соосуңбу, мен кайда барам, балдарымды менден ажыратып, мени кубалайсыңбы?

- Өмүрү бир жолу бир жакшы сөз айттыңбы ыя, бала төрөп берип, баалап берген кулуңдай гана күнкор болуп келатам. Жетимди деле башынан сылап чекесинен өөп, жылуу жүз менен карайт тура, сенин мени кучактап бир эзилген күнүң болдубу? Ушу сен кучактасаң дагы башка бирөөнү элестетип кучактап-өбөөрүңдү алда качан сезгенмин. Ишиң бүтөөрү менен терс буруласың, өмүр бою жүрөгүңдө башка бирөө. Жаныңда мен томсоруп, телмире тиктеп, улутунуп ыйлап сооронгон баладай эчен түндү өткөрдүм. - Айпери узакка бежиреп буларды сүйлөп турганда Айдар аны көңүл бура тиктеп калды. "Бул деле адам да, туура айтат, мен муну көргүм келбей жанымда жаткан аялды аялым деп санабай, өмүр бою Маликанын элеси менен жашаган күндөрүм жалганбы? Кой, минткеним болбос, Маликаны таппай деги калдым, тапкан күндө да ал мага кайрылып келбейт. Баштагыдай жадырап-жайнап кучагыма гүлдөй бажырайып келип, көздөрүн жалжылдата карап, балача шоктонуп бербейт", - деп ойлуу Айперини карап турган менен ою башка жакта. Жебедей сызып, жер жүзүнөн Маликаны издесе да таппасына көзү жетип, тагдырына нааразы болуп турду. Анан балдарынын эбак эле ойноп кеткенин билгенде ордунан салмактуу туруп, Айпериге жакындады. Өзүн зордоп маңдайына келип, карыдан алды:

- Айпери, менин мүнөзүм ушундай, кайдагы башка бирөө, менин оюмда эч ким жок, кыз сүйүп көрдү дейсиңби, тартынчаактыгымдан сага деле жакшы мамиле кыла албадым…

- Койчу ай, койнуңдагы аялыңдан уялып эмне? - Айпери жумшара түшүп, боору ооруй карады, канчалык зулум болсо да жүрөгү бар го, күйөөсүнүн ушул турушун көрүп аяп кетти. - Мейли эми мүнөзүң ошол болсо айла канча? - деп күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөндү. Айдар балдарынын айынан ушул ирет өзүн сахнадагы артисттей сезип, анткорлонууга аргасыз болду. Анткени жөндөн жөн эле үй-бүлөсүн жоготуп алуудан коркту, калп эле сүйөм, жакшы көрөм деп айтууга оозу барбай, жоош-момун, таптакыр эле корунчаак болуп чыга келди.

- Сен өзүң дагы аябай сүрдүүсүң, - деди көптөн кийин.

- Чынбы? - деп Айпери кадимкидей кубанып калды. Аялды жакшы сөз, жылуу мамиле жана мактоо бат эле жибитип койот эмеспи.

- Ырас айтам, Айпери, - деп момурады Айдар.

- Мейли эми, мен тамак жасайын, балдарды чакырып кирип, ойнотуп тур, - деген Айпери көңүлү ачыла Айдарды аягандай карап коюп, ашканага кетти. "Бечара пенде, бири-бирибизди алдап, бири-бирибизди аямыш этип, эптеп күн өткөрөт экенбиз го. Калыссыз тагдыр неге мындай тагдырга ээ болдум экен, аргасыздан калп жасакерленип, балдарым үчүн үй-бүлөмдү сактоого туура келди. Малика-Малика, деги кайдасың, жок дегенде бир көрсөм кана аттиң! Жоодураган көздөрүңдү кумарлана карап, көзүм тойбой суктанып, мөлтүрөгөн жүзүңдөн бир сүйүп алсам кана. Бир кездеги каталыгымды жууп, сен үчүн баарын жасоого жан үрөйт элем", - деп ойлуу эшикке чыкты. Эки уулу көчөдөгү балдар менен ойноп жүрүшүптүр, таттуу оюндарын бузгусу келбеди, жолду карап көпкө турду да, гезит-журнал саткан күркөгө жөнөдү. Гезит окугусу келди. Саясатка деле жакын эмес, жөн гана алаксыгысы келди. Ошол убакта "Кыргыз-Караван" гезитинде боюна бүтүп калган студент кыз жөнүндөгү укмуштуу окуя сандан-санга сериал болуп чыгып жаткан. "Кыргыз-Караванды" алып келип диванга жатып, биринчи бетин ачаар замат андагы бажырайган сүрөткө көзү түшө жүрөгү лакылдап кетти. "Малика", - деп алды үнүн чыгара. Күлүмсүрөй түшкөн сүрөттүн алдындагы: "Табылдиева Малика киного тартылууда", - деген жазууну окуп, эргип кетти. "Мен сени эми табамын, сөзсүз табам, сен менин кесиримден көп азап тарткандырсың, алтыным, кызбы же уулбу төрөгөнүң? Эгерде уул болсо тогузга чыгып калды го, Адилеттен айынча эле улуу болмок, кечир мени", - деп сүрөттү колу менен сылай ойлуу отурганда ар жактан Айперинин үнү чыкты:

- Айдар, балдарды карадыңбы?

- Ойноп жүрүшөт.

- Чакырбайсыңбы?

- Келишет да, тим кой, ойной беришсин.

- Мейли, тамак ичсин дедим эле… - деп Айпери унчукпай калды. Айдар Маликанын сүрөтүнөн көз айрыбай карап туруп: "Аябай өзгөргөн экен, анда балтыркандай солкулдаган жапжаш, жан дүйнөсү акактай таза эле, баладай байоо болчу. Азыр токтоо тартып, көздөрүндө кусалык батпай турат, алтыным ай, менин кесиримден турмушка да чыкпай калгандырсың", - деп ойлоду. Кудурети жетсе азыр эле сыйкырчыдай жетип барып, жанында болгусу келди, канча жылдан берки сагынычын жазып, жүрөгүндөгү кайгыны алып салгысы келип турду. Бирок кайдан, жумуш, үй-бүлө деп жүрүп, түзүгүрөөк издегенге дагы убактысы болбой келбедиби.

- Айпери, сен балдар менен айылга барып, күзгө чейин жүрүп келбейсиңби, апам картайды, качанкыга казан-аягын өзү кармайт. Мен дагы ойлонуп, ишти таштайын десем, сен ишти так аткарасың, ишенгеним сенсиң деп Арзымат кетирбей жатат, - деди ал тамак ичип отурганда.

- Анан, сен дагы айылга барасыңбы?

- Күзгө чейин эптеп бошоймун, антпесек карыган энесин карабай таштап коюшту деп эл наалат айтат го?

- Мейли, бир аз күндөн кийин балдар окуудан тараса барайын.

- Рахмат, сени макул болот деп ойлогом.

- Айдар.

- Ийи?.. - Кашыкты оозуна алып баратып, токтоп калды.

- Жок дегенде бир жолу аялыңдай көрүп, калп болсо дагы "алтыным, сүйүктүүм" деп койсоң боло?

- Оо-ой кокуй күн десе, өмүрүмдө бир аялды да антип айтып көрбөсөм анан кантип айтат элем, өзүң деле көрүп жүрөсүң го? - Айдар кызаңдай кетти. - Оозум көнбөсө…

- Кызык, тиги Нурперинин күйөөсү "перим, алтышкам, күчүгүм" деп эркелетет экен, он жылдан бери сенден бир сөз угам деп күтүп келе жатам.

- Үмүтүңдү үзбө.

- Сага өзүм үйрөтөйүнбү? - Айпери сырдуу жылмайып койду.

- Көрөбүз да, азыр түйшүктөн кутулуп алалычы, мени апам көп ойлонтот, картайып калды…

- Ооба, картайды, менин апам да картайды.

- Ал апамдын караган балдары турат, мен жалгыз бала болуп туруп, алыста жүрөм, - деди Айдар ойлуу. Ошол бойдон унчукпай калды, оюнда Айперини алдап-соолап айылга жөнөтүп жиберип, өзү Маликаны издеп тапмак. Айпери сыртка чыгып, балдарын алып кирди.

Ошондон көп өтпөй эле эки уулу мектептен тараары менен айылга жөнөштү, шаардан эки саат алыстыкта турган айылга тез эле жетишти. Седеп уул-келинин, неберелерин көрүп, кубанычы койнуна батпай калды. Белек-бечкектерин, ала келген бир сыйра кийимин көргөн эне ого бетер кубанып, алкап, батасын берип жатты.

- Кудай өмүрүңөргө береке берсин, айланайындар, ылайым толо аягыңар бөксөрбөсүн, маңдайыңар жарык болуп, тилегиңер орундалсын, балдарым.

- Апа, таежеме да ала келгем, - деди Айдар Жайкалды карай. - Мына муну көрүңүзчү.

- Ыраазымын, садага, мени сыйласаңар, кудай силерди сыйласын, - деп Жайкал кубана алкап, колуна алды. - Эжем бар сыйлап атасыңар, бул болбосо кайдан? - деп күлүп калды.

- Таеже, андай дебеңиз да, кантип эле сизди ойлобой койойун, эми Айпери биерде болот, экөөңөрдү жакшылап баксын, кийин мен дагы биротоло келем.

- Ошентпесеңер болбойт го, жылдагыдан алсызданып баратам, балам, жетимиш жаш оңойбу, жалгыз баласы карабай кетиптир деген сөзгө калба.

- Жок-жок, кантип, апа, жаныңда эле болом, бир аз иштерим бар, шефтен жооп алалбай жатам, жакшы иштейсиң деп мени бошотпой жатпайбы? - Айдар кайсалактай түштү.

- Мейли, каралдым, ишиңдин жүрүшүнө карасаң да болот, мал-мүлктү тоздурбай күтүп алса дегеним да, бара-бара кыштын күнү мал карай албай калдым. Адилетим чоңоюп калса экөөбүз оокат кыла берет элек, Жайкал болсо тамак-ашты жасай берет. - Эне уулун карады. - Ишти коюп, мал-сал менен деле жашасаңар болмок, кудайга шүгүр, мен мал сатпайм, пенсиям жетет, малдын башы өсүп эле жатат.

- Өсө берсин, апа, эки неберең турбайбы, булар жакшылап окушса, Америкадан окутам буюрса.

- Тилегиңе жет, балам.

- Апа, Адилет быйыл үчкө окуйт, биерде кала берсин, - деп Айпери шаардан келгиси келбегенин айта албай кайсактады.

- Адилет азыр жаш, чөп чаап, жыйып кышында ошол чөптү кертип, кайра малга салыш керек, Адилет жаштык кылат, балам. Кышында тигил Кайратбектин балдарына кошуп коюп жаным калды. Карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет дегендей, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, балам, киши арыгын сактасаң башың кандайт дейт илгертеден. Атаң ушул малды сенин келечегиң, бала-чакаң үчүн чогултуп багып, сен үчүн жыйды, шаардагы тапкан маянаңдан малды бакканың дурус эле…

- Апа-а, жаш кезде иштеп калган жакшы эмеспи, мени эмнеге окуттуңар эле, ошол окуумдун акыбетин көрүп жатам, ишенимге ээ болуп жатам, - деп Айдар чый-пыйы чыга сүйлөп жатты. - Келиниң менен туруп турсаң, анан өзүм келем.

- Мейли, каралдым, өзүң эле бил.

- Мени деле иштетпейт, шаарда болгонум менен ушунча жылдан бери бир шаарды кыдырып көргөнүм жок, - деп Айпери тултуңдай кетти. - Кээде эки баланы алып барып ойнотуп келет, а мен болсо үй кайтаргычмын.

- Эми сен жаш белең, балдар баарын билип чоңойгону жакшы, сен эми кайда бармак элең? - Айдар ушинтип күлгөн болду. Ал күнү түнөп алып, эртеси эрте туруп, шаарга жөнөп кетти. Айпери ичинен ирип, көңүлсүз кала берди. Седеп эки небереси менен кужурашып оңуп калды. Эртең мененки чайын ичкенден кийин Айпери балдарын ээрчитип алып, өзүнүн апасына учурашканы кетти. Ага деп ала келген өзүнчө белектери бар эле. Апал кызын кубана тосуп алып, неберелерин өөп:

- Ээ, балам, качан келдиңер? - деп сурады.

- Кечээ келгенбиз.

- Көпкө жүрөсүңөрбү?

- Айдар апамды кара дейт.

- Туура, Седеп байкушту карыганда карабасаңар болбойт, жалгыз баласы болсо келбей койсоңор эл наалат кылат. Айрыкча уул баладан эмес аялдан көрөт, балам, энесин каратпай койду деп. Сен келсең Айдар кайда бармак беле, балдарың менен биерде болгонуң жакшы.

- Апа, Айдар ошол бойдон келбей койсочу?

- Эмнеге? - Апал кызын алая карады.

- Билбейм, анын мага түк көңүлү жок, атам экөөңөр ага мени таңып бергендейсиңер, тажап баратам, тынч эле ажырашып албайынбы?

- Эсиңди жый, кызым. - Экөө сүйлөшүп отурганда келини дасторкон жайып, чай сунду. - Айдар андай бала эмес. Кийген кийимиңди кара, эчтекеден кемиң жок, уулдарың биринен сала бир чоңоюп келатат, аялга мындан башка кандай бакыт керек? Эсирбе, кызым, бакыттын келиши оңой, кармап калыш кыйын…

- Апа, силер билбейсиңер да, мен бир жүргөн эле караандаймын, көлөкөмүн ал үчүн, балдарды аябай жакшы көрөт, а мени… - Айпери арманын айтып, көзүн жашылдантты. Келини унчукпай чыгып кетти, аларды кенен сүйлөшүп алсын дегени го. - Апа, Айдар мени сүйбөйт.

- Ой кокуй күн десе, ким эле сүйүптүр, мен деле атаңар менен ишим жок эле силер көрүнгөндөн кийин бардык күчүмдү силерди тарбиялоого жумшагам. Эненин ыйык милдети балдарга үлгү болуу, татыктуу эне болуу. Ордуңду суутпай, балдарыңды багып жүрө бер.

- Сен ошентесиң, апа, менин эмне болуп жүргөнүм менен ишиң да жок, кеңешейин деп келсе айтаарың ушул, - деп Айпери тултуңдай ордунан турду. - Мен кеттим, күңдүккө берген экенсиңер милдетимди өтөйүн. - Булкулдай балдарын жетелеп, эшикке чыкты.

- Айпери, бүгүн мында конуп алгыла, эртең деле барасың.

- Жок, айыпка жыгылып жүрбөйүн, өмүрүм өткүчө Седептин күңү болуп өтөйүн, мени баалап бердиңер беле? - деп кетип баратты. Апал кызынын кыялын билет, долуланса оңой менен жазылбайт дагы. Артынан карап: "Балаң түшкүр ай, төрөлгөндөн кыялы чатак, эмне кылсам экен? Ырас эле Айдар буга көңүл салбайт окшойт, кандай эле антет экен, мен ага айтайын. Кызымдын башкалардан эмнеси кем, өң десе өңү бар, бой десе бою бар, уулдарды удаа-удаа төрөп берди, дагы эмне керек экен? Шашпа, мен буларды байкап туруп, шек ала турган болсом кызымды ажыратып алайын", - деген ойдо туруп, үйгө кирди. Кичүү уулу Сагынбек апасы киргенден кийин:

- Кызың эмне ажырашам деп атабы? - деди.

- Жо-ок, үй-бүлөдө болчу немеге капаланып алганы го?

- Ошо кыялы менен дагы жездем алып жүрөт да, апа, анын деле жанын койбойт чыгар…

- Ал эмне дегениң, балам, уй мурдун сасык деп кесип салбайт дегендей андай жаман кыз бизге барктуу экенин унутпа.

- Кызың через чур кетет да, соо кишини да жинди кылаар түрү бар, эми отуздан ашып калды, токтолбойбу, кыркка чыкканда секелек кыздай селпилдебей, - деп апасын жактырбай чыгып кетти.

- Мен энемин, балам, жиндиби-майыппы, же бир чектен чыккан немеби баары бир жүрөгүм аяйт, канап эзилет. Ар бириң үчүн түйшөлөм, алдыдагы өмүрүмдө аздыр-көптүр балдарымдын жамандыгын көрбөсөм экен деп тилек кылам, - деди эне өзүнчө отуруп алып, кобурана берди. -Менин жүрөгүм силерге бейкутчулук гана тилегенин силер кайдан билесиңер.

Айпери короого киргенде Жайкал сырттан үйгө кирип келаткан, Седеп үйдө болчу.

- Балаңыз болсо кетти, эмне кылайын, күңдүккө алгандан кийин күңчө кызмат кылайын, - деп кекетип кирди Айпери.

- Балам, сага эмне болду? - Седеп аны таңгала карады.

- Эчтеке, - деп булкуна ички бөлмөгө кирип, чечинип чыкты дагы, - Кана, кир-когуңар барбы? - деди итиреңдей.

- Кой, балам, андай милдет кылсаң тим кой, Жайкал деле жууйт, андан көрө эриңдин артынан бара бер, кагылайын, аштан-гөштөн кала элекпиз, али ал-күчүбүз бар, - деди Седеп кабак чытый. - Балам менен эле татыктуу жашасаңар болду, жалгызымдын жамандыгын көрбөсөм болду, аман болгула. Көңүлүң келбегенден кийин Айдар менен эле кете берсе болмок экен, - деди жүзүн сыйпалай. "Курган Тагай, балаңды кайдан дагы бир кем акылга туш кылып кеттиң, эртеңин ойлобой жалгызымды кыйноого салбадыңбы", - деп оор үшкүрүнүп алды. Жайкал өзү чай алып келип, дасторкон жайды.

- Келгиле, Адилет, Азирет, чай ичкиле.

- Азыр, таеже. - Балдар эч санаасыз жүгүрүп келип, дасторкон четине отура калып, чай ичип жатышты.

- Жайкал, Кайратбектикине барып кел, жайлоого мал кете элек, бир козу берсин, балдарыма союп берейин, шорпо-шилең ичип кетишсин, - деди Седеп санаалуу.

- Мейли, айтсам эле өзү алып келип союп берет, идишти жууп коюп барайын, - деп Жайкал дасторконду жыйыштырып кирди. Айпери ички үйдөн чыкпай койду. Седеп зыңгырай ойлонуп калды: "Минте берип уулумду да тажаткандыр, алган келининин кыял-жоругун көрсүн деп атайы алып келип койгон го. Кантейин, ажырашып ал дейин десем чырактай балдары турат, эми кандай болоор экен? Катын картайбайбы, каны коюлбайбы дегендей кыркка чыгайын деп калды, эсине кирбесе балам өзү билсин, пешенеге жазганын көрөөр", - санааркай сыртка жөнөдү. Адилет менен Азирет ойноп жүрөт. Кечке маал килейген чоң козуну алып келип, Кайратбектин баласы Кубат союп, жиликтеп коюп кетти. Жайкал ичеги-карынды жууп бүтүп калганда Апал келди. Баарын эки кемпир өзүлөрү жасап жатканын көрүп уяла түштү.

- Кел, Апал, ырас келбедиңби, эт бышаарда чакыртайын деп турдум эле, - деп Седеп аны жакшы тосуп алды.

- Келдим, Айпери эмне кылып атат?

- Үйдө…

- Ал кетем деген жокпу?

- Өзү билет го, кетем десе эттин калганын салып берип жөнөтөөрмүн, - деди Седеп акырын өкүнгөндөй.

- Седеп, мага капа болбо, Айперини Айдар жакшы карабайт окшойт, балдардын мындай болоорун ойлогон эмес экенбиз. Баштагы мамилебиз ошол бойдон калсын, буларды ажыратып эле койсок кантет?

- Апал, эки бала турганда…

- Ажырашса ажырашам дагы балдарды жолотпойм! - деп Айпери чыга калды. - Мен Айдарга боозуп келген эмесмин, балдарымды алам да, кетем! - деп ай-буйга келбей эле эшикке атырылып чыкты.

- Ай-ай, Айпери, мен балдарды жесинчи деп, мына бул койду союп отурам го. Ак койдун этин таштап кайда кетесиң, же мен бирдеме дедимби, балам, өзүңдөн-өзүң ушинткениң болбойт, - деп Седеп артынан чыкты. - Кой, балдарды алып кетпе, сен дагы кайда бармак элең, ботом, жылан чакпай жылкы теппей, кайда барасың, балам?

- Айпери, токто, - деди Апал. Ошол убакта Адилет апасына болбой Седепке качты:

- Мен эч жакка барбайм, атам келгиче чоң энемдин жанында болом.

- Мен деле кетпейм, - деп Азирет анын жанына келип туруп алды.

- Айпери, сага бирдеме дедимби, Айдар экөөңөр деле жакшынакай келбедиңер беле, ортоңордо эмне болуп өткөнүн ким билет. Мен ушу жашымда силерге жек көрүндү боло албайм, садага, өз үй-өлөң төшөгүң, өзүң билип, өзүң кой, жасасаң бир жилик жээрбиз Апал экөөбүз, бир чыны шорпо ичсек ичип, калганын силер үчүн даярдап койдук, балам, - деди Седеп аста. Ичинен: "Бул бүлө болуп жарытпайт, Апалдын келип калганы дурус болду, көрсүн кызынын кыялын, менден өтпөсүн", - деген ойдо неберелерин ээрчите Апалга карады. - Жүрү, Апал, ичке кир, даам сызбай кетмек белең. Жайкал баарын даярдап койду, эми эле бышат.

- Мен бара берейин, Седеп, сен неберелериң менен отур, - деди Апал тайсалдай. - Айперини алып кете берейин.

- Ийе кокуй, сени өзүм дагы чакырмакмын, Айпери менин бүлөм, бизге тамак бербейби, кайда алып кетмек элең? - деди калп эле.

- Макул эми, отурса отурайын, - деп Апал ичкери кирип, төрдөн орун алды. Седеп Адилетке кайрылды:

- Уулум, апаңа айтчы, бизге чай алып келсин, Жайкалдын колу бошобой жатат окшойт.

- Макул, чоң апа, - деп ойноо бала жүгүрүп чыгып кетти. Апал үндөбөй зыңгырап отурду, көптөн кийин Айпери кабак-кашын тырыштыра дасторкон салып, чай алып келди. Үнсүз отуруп чай ичишти. Бир кезде Жайкал кирди:

- Тамак кайнап калды, эже.

- Жакшы болот, отуруп чай ичип ал эми.

- Ооба, чай ичип алып, кесме жасай койойун.

- Даяр эле китлап сала койбойлубу? - деди Айпери.

- Болбойт, супсак болуп кайран шорпону булгайт, аны шаардагы куурумаңарга салсаңар болот, балам, колдун кесмесине жетеби? - деди Седеп.

- Мен заматта жууруп, жасай койом, - деп Жайкал ордунан турганда Апал уялып кетти белем, кызына кызаңдай карады:

- Ой кыз, уят эмеспи, сен эле жасай кой, дагы рахмат Жайкалга, ушу жашында талбай жумуш жасап жаткан. Мен мындайымда келин-кызга таянып, кыймылдабай отуруп калгам, тур, сен эле жаса!

- Азыр эми, - деген Айпери жактырбагандай булкунуп чыгып кетти.

- Оо кудагый, ишенээриң болбосо арга канча, мага баладан айткан жок, эжем болсо карып калды. Мен жасабаганда эмне кылмак элем, өзүм дагы жумуш жасабай тура албайм, көнүп калсам керек.

- Ошентсе деле, ботом, келин турса кемпирдин кыймылдаганы өөн учурайт да, шаарда жүрүп, белен кесмелерди толтуруп алып сала берип, көнүп калышкан да.

- Мейли, жаштар өз доорундагыны көрө берсин, бактылуу эле болушса болду, биз картайдык, биздин өмүрүбүздү өлтүрбөй ушулар улантышса болду, - дешип үч аял кобурашып отурушканда Айпери апасына жини келип кесме жасады. Жайкал шорпо куюп кирди:

- Шорпо даамына кирип калыптыр, эт бышкан го дейм?

- Эмдигиче бышпай эмне, чыгарып келе бер, Адилет, сен колго суу куй, балам, - деди Седеп. Адилет колго суу куюп, бата алды. Ортого чара менен ортолой эт келип, Седеп кудагыйына кашка жилик менен кабырга койду. Балдары болуп этке тоюп алып, анан артынан көк чай ичишти. Апал кетмек болду эле Айпери:

- Мен жеткирип койойун, - деди.

- Өзүм эле кетем, бала белем корккудай.

- Апал экөөбүз бул жолду далай бастык го түндөсү, аттиң, жаш бойдон турбайт экенбиз, майрамдарда түнү-күнү шарактачу элек, - деп Седеп шыпшынып алды.

- Ошону айтсаң, Тагай менен Мустафа артта, биз Седеп экөөбүз алдыда жүрөөр элек, анткени алар келгиче куурдакты жасап даярдашыбыз керек эле. - Эки кемпир өткөнүн эске сала өкүнгөндөй короонун оозунда көпкө турушту. Анан Седеп:

- Апал, Айпери жеткирсе жеткирип жатып алсын, кайра келем деп чочуп жүрбөсүн. Сага айтаары да барбы, эне-бала сүйлөшүп, кең-кесири сагынычыңарды таратып алгыла, эртең келип калат, - деди Седеп колундагы баштыкты Айпериге карматты. - Муну кудалар ооз тийип койсун.

- Мейли, Седеп, эстүү жансың да, бүгүнчө сүйлөшүп жатып алсын. Деги сенде акыл жок, кызым, - деди узагандан кийин.

- Эмне болуп кетти?

- Деги Седептен жаман сөз уктуңбу?

- Ал мага эмнеге жаман айтмак эле?

- Акылың жок, кызым. Бизди ал кебез менен мууздап жатпайбы, эгерде менин эле келиним ошентип тейтеңдесе мен унчукпай тура бермек белем? Кайненең ушунчалык токтоо аял, сен аны сезбейсиң, балам, энөөлүгүң ошол сенин. Же Айдардын бирдеме дегенин айтпайсың, анын сөзүнө жооп бере албайсың, балдарың сага келбейт, ажырашсаң дагы калып калат.

- Эмнеге, аларды мен Айдарга карматпайм.

- Алар келбейт, мен мындай эле түшүндүм, андан көрө балдарыңды ойлосоң, Айдар менен тынч гана жашашың керек.

- Ал көңүл бурбаса делеби?

- Ооба, акыры жеңесиң.

- Кереги жок, ажырашам дедим ажырашам, эртең дароо шаарга барып, ажырашууга арыз беребиз.

- Айдарга айттың беле?

- Жок, эми айтам да…

- Эси жок. - Апал тунжурай ичкери кирди, келин-уулу орунду салып коюп, эбак уктап калышыптыр. Төркү үйгө ээрчише кирген энеси менен кызы өздөрүнчө көпкө чейин күңкүлдөшүп жатып, анан тынчышты. Эртеси апасына да айтпай туруп кеткен Айпери эрте келип, эки уулун ойготуп кирди. Алар уйкусурап болбой жатканда:

- Тургула шаарга кетебиз, бол эрте, - деп үстүлөрүндөгү төшөктү серпти. Адилет апасына:

- Биз кетпейбиз, чоң энем менен калабыз, - деп кайра жатып алды. Седеп буларды угуп турду, баласына бере тургандарын камдап, эч унчукпай сыртта басып жүрдү. Айпери чыга калып:

- Түнү менен балдарды окутуп чыккансыз го, эмнеге кетпейбиз деп жатат, - деди үңүрөңдөй.

- Мен аларга эчтеке дегеним жок, бала силердики, балам, небере деген кубаныч меники, - деди Седеп ойлуу. - Жайыраак кетсеңер болот да, балдардын уйкусу кансын. - Бул убакта кызынын артынан келген Апал дарбазанын сыртында экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп турду.

- Ооба, силердин кылганыңар, болбосо минтмек эмес, мен эми Айдарга да барбаймын, шаарга барып, өзүмчө жашайм, ажырашууга арыз берем, тажап кеттим!

- Кой, балам, андай дебе, эки бала турат.

- Силердин ишиңер болбосун!

- Мейли, каалаганыңарды жасагыла, ушул жашымда эмне демекмин, кетсеңер буларды ала кеткиле, балам, - деп Седеп баштыкты көрсөттү да, ичке кирип кетти. Апал кайра артына кетти, Седептин Айпериге катуу айтпаганы, кызынын ага алкынып айткан сөзү жети өмүрүн жерге киргизди. "Өз шоруң өзүңө, айткан акыл кирбесе кантейин", - деп үйүнө келип, жатып алды. Өзүнүн кенже уулу аялы экөө тең өйдө карабайт, алдына ашын коюп, кийимин таза жууп, жума сайын мончого түшүрүп, жакшы карашат. Ушул ирет Седепке боору ооруп кетти, "Баласы жалгыз болсо, келинин кейпи бул болсо, баласы ишин шылтоо кылып шаардан келбесе. Кыздары анда-мында келип кетишет, анан калса экөө тең алыска тийип, өз жашоолору менен алек, жакшы аял эле, карыганда кор болбос бекен", - деп кызына жини келди. "Мен андай кызды балам дебейм", - деп алды оюнда.

Айпери ары айтканга да, бери айтканга да көнбөй, эптеп балдарын кийинтип алып, жолго чыкты. Кечинде үйүнө келген Айдар аларды көрүп таңгалды, балдары ага арызданып киришти.

- Ата, чоң энемдикинде калалы десек апам болбой койду.

- Сен бизди жеткирип келчи, ата, айылдан досторду таап алганбыз да, апам болбой алып баса бербедиби.

- Апаңды бирөө-жарым кет дедиби?

- Жок.

- Кайда жүрөт?

- Эшикте, - деп Азирет эдиреңдеп турганда Айпери кирип келди.

- Ийи, менин келгеним жакпай калдыбы? - Кекетип ичкери кирди.

- Сен кызыксың го, күзгө чейин туруп тур деп алпарбадым беле?

- Тургум келген жок.

- Эмнеге, бирөө бирдеме дедиби?

- Ким эмне деш керек эле? - Айпери чакырая карады.

- Мен сага апамды кара дегем.

- Карай албайм, жанагы төрөбөгөн сиңдиси бага берет.

- Айпери, андай болсо шаарда кал, мен айылга кетем! - деп Айдар аялын жини келе карады.

- Эмне, мен турган жерде тургуң келбей калганбы, көзүңө бир укмуштуудай жалаңкыч көрүнүп турамбы? Ансыз да тоюп бүттүм, сенден биротоло кетемин, ажырашам!

- Эмне дедиң? - Айдар жаңылыш угуп калгандай аны ормойо карап калды. - Кайра айтчы, ушунуң чынбы?

- Кубанып кеттиңби, ала турганың даяр беле?

- Ооба, азыр эле алып келем, - деген Айдар аны карагысы да келбей эшикке чыгып кетти. Адилет менен Азирет болсо уккан-көргөнүн, апасынын сөздөрүн ага айтып берип жанында. Айпери бир кезде чоң сумкага толтуруп, Айдардын кийимдерин алып чыкты.

- Мына кийимдериң, балдарга келсең жолугуп тураарсың, азыр болсо кете бер! - деди бөйрөгүн таянып.

- Сен мени кет дегенче акылыңды жыйып алчы, кимсиң деги мени кетире турган? - деп Айдар жини келе жаакка чаап жиберди.

- Апа-а! - деп Айпери ачуу чаңырып алды. - Мына өлтүрөт бул, ой бала, бар, элди чакырып кел! - деди Адилетке карап.

- Барбайм, анан эмне атамды үйдөн кубалайсың?

- Анда Азирет экөөбүз атам менен чогуу кетебиз.

- Ок өлүгүңдү көрөйүндөр десе, атам менен кошо кетебиз дегенин кара, мен силерге киммин ыя? - деп экөөнү жонго муштап ийди.

- Тийбе балдарга, азыр эки баланы тең алып чыгып кетем, кийимдерин даярда!

- Эмне-е, балдарымды сага берип ийип, мен кала берет бекенмин, балдарды өлсөм да бербейм! - деп балдарына жакындаганда алар Айдарга жабышты.

- Ата, биз калбайбыз, сени менен кетебиз.

- Апамда калбайбыз.

- Каласыңар, атаң мени чанганы үчүн өзү кетет! - деп экөөнү тартканда чырылдап ыйлап ийишти. Бири сегиз-тогуздарда, бири жаңы жетиге толуп, биринчи класста окуп жаткан балдар атасына ыктай качып, ыйлап жатышты.

- Биз кетебиз.

- Сен жамансың, чоң апамды дагы урушкансың!

- Балам, - деп жалдырап кирди Айпери, - мен силерди жакшы көрөм да, атаңды койо бергиле кетсин, - дегенде Айдардын жини келип кетти:

- Мен кетпейм, балдарым менен ушул үйдө калам!

- Мен дагы кетпейм, - деп айласы куруй түшкөн Айпери төркү үйгө кирип кетти. Айдар балдары менен эшикте жүрүп, кеч кирди. Баягы жини кармаган Айпериден дайын жок, заматта өзгөрүлүп тамак-ашын даярдап, дасторкон үстүнө Седеп бергендерди коюп, эч нерсе билмексен болуп калыптыр. Балдарына үйрүлүп түшүп жатты. Айдар дагы унчукпай тамагын ичкенден кийин өз бөлмөсүнө кирбей балдары менен жатып алды. Айпери ого бетер туталанып, төшөгүнө жатып алып ыйлады. Айдар: "Бул аялдан кутулбасам болбойт. Малика-Малика, кайдасың деги, сенден бир кабар угуп, бактылуу экениңди көрсөм, анан ушундан качып да болсо кутулат элем. Жаман аял менен жашаганча бойдок өткөнүм жакшы, Айпери, сени желкемдин чуңкуру көрсүн", - деп уктай албай чыкты. Эртеси балдары уктап жатканда үйдөн чыгып кетти. Жумушуна барып, өзүнө тиешелүү иштери бүткөндө көңүлү чөгүңкү кабинеттен чыгып, унаасын айдап көчөгө чыкты. Кайда бараарын билбей кете берди, бир топтон кийин жол боюна токтоп көпкө отурду. Ошентип отурган кезде бир тааныш караанды көрүп карап калды, ал Маликанын жакын курбусу эле, кубанып кетип алдынан чыкты.

- Бермет! - деди шашыла, ал бурула берип карап туруп калганда жанына жете келди. - Кандайсың?

- Аа-а, Айдарсыңбы?

- Акыбал кандай, иштер жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, өзүң кандайсың?

- Ойдогудай, Бермет, арадан канча убакыт өттү, баягы эле бойдон экенсиң, жүрү бир жерге барып, чай-пай ичели, - деди Айдар шашкалактай.

- Жок, Айдар, мен жумушка шашып бараттым эле, андан көрө телефон таштайын, дагы башка күнү жолугаарбыз.

- Бермет, Маликаны көрүп жатасыңбы?

- Көрмөк турсун биргебиз, уга элексиңби, анын кинолорго тартылып жатканын?

- Жакшы болгон тура, ка-ап, шашылганың жаман болду, кененирээк бир сүйлөшөт элек, - деп Айдар кыңырыла түштү.

- Маликаны жаман абалга таштап коюп, анан эми сураганыңа жол болсун, сенин айыңдан эркек аттууну жек көрүп, көп азап тартты. Билсең, ушул кезде кызынын азабын тартып жүрөт.

- Эмне, эмне болду эле?

- Төрөгөндөн эки айдан кийин уурдатып ийиптир.

- Кимге?

- Ким экенин билсе таап албайбы, кой, мен сени менен жомок айтышпай кетейин. Ошондой, Айдар, намыстанып эптеп төрөсө минтип кырсык басып, өзү катуу ооруп калып дарыланып жүрүп, зорго сакайды. Кыскасы, сенин кесириң ага бир топ эле тийди.

- Мен аны атайын таштаганым жок, Бермет, ушунча жылга чейин аны бир мүнөт да эсимден чыгарбадым, менин тагдырым андан да оор…

- Болуптур, эртең мен бош болом, түштөн кийин чал, - деди да, Бермет шашыла жөнөп кетти. Айдардын кубанычы койнуна батпай турду. "Демек Маликаны таптым, аны өзүм бактылуу кылам, өткөн өкүнүчтүү өмүрүн кайрып бере албасам да, унуткандай бактыга бөлөйм", - деп ойлоп, унаасына отуруп, көңүлдүү жөнөдү. Ал Айпери менен дал бүгүндөн баштап ажырашууга бел байлады. Маликанын турмушка чыкпаганын укканда жүрөгү кубанычтан жарылып кете жаздады. Үйүнө келгенде балдары алдынан жүгүрүп чыкты.

- Ата-а, апам кетип калды!

- Тайнемди алып келет экен.

- Мейли, кардыңар ачкан жокпу?

- Жо-ок, өзүбүз чай ичтик.

- Азаматтар десе, киргиле үйгө. - Эки уулун жетелеп үйгө киришти. Ашканадан газга чай койду да, кийимин которуп чыкты. Телевизор коюп, диванга отура кетти. Адилет менен Азирет ойноо эмеспи, кужурашып өздөрүнчө ойноп жатышат, апасы жөнүндө ойлоп да коюшкан жок. Үчөө кечээкиден калган тамакты ысытып ичишти, андан кийин кино көрүп отуруп, уйкусу келгенде өз бөлмөлөрүнө кирип, жатып калышты. Айдар кайдан уктасын, ой-санаасынын баары Маликада. "Кыз төрөгөн экен да, аны ким уурдап кетти экен, канчада болуш керек? Адилеттен көп болсо жарым жаш улуу чыгаар, мен үйлөнгөндө Маликанын үч айлык боюнда бар эле, үйлөнгөндөн бир жылга жетпей Айпери төрөдү, демек жарым жаш", - деп ойлонуп, тынчы кете берди. "Балким аны атайын "донорлор" уурдап кеткен болбосун? Кандай гана акмакмын ээ, атама болбой кетип калсам болмок экен", - деп өзүн жемеледи.

Малика апасы өлгөндөн бери үйүнө көп жолобой калды. Ооруп жатып:

- Кызым, кокус көзүм өтүп кетсе сандыкта төрөгөн энеңдин дареги бар, издеп табаарсың. Мени кечир, бала көрбөдүм, сени төрөгөн кыз өтө жаш экен, энеси атайын сени таштатып, өзүн алып кеткен экен. Мен ошондо бала багып алуу үчүн сүйлөшкөнү баргам, - деп оор улутунуп сөзүн улантты. - Аерде таанышым бар эле, ал мага сүйүнчүлөп калды. Мен уул бала багам деп жүргөм, кыз болсо да мейли деп, сени багып алдым, кызым. Эгерде мен болбосом башка бирөө бакмак, сени кудай мага буйруптур…

- Апа, өзүң эле сакайып кетчи, мага анын кереги жок, менин апам сен гана, сен! - деп көкүрөгүнө башын коюп, өпкөлөп жатты. - Апаке, сенден башканын кереги жок, айтпачы аны!

- Каралдым десе, көзүм өтсө караан болобу дейм, андай дебей кайра издеп табышың керек. Жалгызым менин, секелегим, өлсөм дагы сени эмне болду деп тынчым кетет го, көзүмдүн тирүүсүндө сенден көңүлүм тынса жакшы болот эле. Өө-өх, жараткан ай, бала деп жүрүп сени колума алганда кубанганымды кандай гана сөз менен жеткире алам, садага, өлбөй тургансып сени кызганганымчы… Болбосо ден-соолугум тазасында издегенимде, сени табыштырып койгонумда болбойт беле?! - Көзүнүн жашы салаалап агып жатты. Малика дал ошол учурда эч кимге айтпаган айыкпас дарты болгон Өктөмүн эстеп, ичтен сызып боздоп отурду. - Ыйлаба, каралдым, мен куруюн, өзүмчүлдүгүм, - деп эне Маликанын ыйлаганын башкача жооруп, чачынан салаалай сылап жатты. - Сексен жаш оңойбу, балам, менин күнүм бүтүп бараткандай…

- Апа, өтөм дебечи, сенсиз мен кантем?

- Менин оюма койсо сени күйөөгө берип, балдарыңды жетелеп жүрсөм дейм, асылган оору мени соо койоор бекен?

- Врачтарга көрүнөсүңбү, эртең эле алып барайынчы?

- Жок, балам, көрүнгөндө эмне, мен картайбадымбы, отузга келип калдың, неге бир жигитке турмушка чыкпадың, кызым, кокус турмушка чыкканыңда балаң чоңоюп калбайт беле…

- Апа, чыккым келбейт, көңүлгө толоор эч ким жок, азыркы кезде адамдардын баары алдамчы, сөзгө турбаган кайсарлар, ишеничтүү жигит жок, апа.

- Каралдым десе, мени тартып жүрөгүңө жакпаган адамга ишенбейсиң го, болбосо артыңдан жүгүргөндөр толтура эле. Тиги Бегимкулдун баласы деле далай келди, ата-энеси да келди, өзүң болбой койдуң, дурус эле бала болчу, - деди дагы алсыз үшкүрүнө. Малика унчукпады, анын жүрөгүндө өчпөс так калганын, аруу махабатынан көңүлү калып, өмүрүндө унутулгус азап жатканын кайдан билсин бечара эне. Күмүшай бир айдай жатып, дурус болуп калды. Тыңып алып, Венеранын дарегин алды да, Малика шаарга кеткенде өзү таап сүйлөшмөк болду. Дарек боюнча Бишкектин орто чениндеги Кулатова көчөсүнө келип, үй номурун издеп сураштырып, көк дарбазалуу кызыл кыштан салынган үйгө келип токтоду. Эшикти какмак болуп баратып, звонокту көрүп басты эле жетимиштердеги аял ачты.

- Кандайсыңар, айланайын? - деди бөкчөйгөн Күмүшай.

- Келгиле, ким керек эле?

- Султанова Венера дегенди издеп жүрдүм эле, сиңдим…

- Аны эмне кылат элеңер? - Чоочун аялды чоочуркай карады.

- Венерага кайдан жолуга алаар экенмин?

- Аны эмнеге издеп жүрөсүңөр?

- Сен Венеранын апасы эмессиңби, сиңдим? - Жооп ордуна кайра суроо узатты.

- Мен апасы болом.

- Анда мен сени менен да сүйлөшсөм болчудай экен, - дегенде тиги аял бир нерседен шек алгандай:

- Үйдө конок бар эле, - деди жактыра бербей.

- Сиңдим, көрүп турасың картайган аялмын, ооруп да жүрөм, аманатым бар эле…

- Кандай аманат? - Аял көңүл бура карап, кулак төшөй калды.

- Отуз жыл мурунку окуяны өзүң да билесиң, сиңдим, - дегенде аялдын жини келгендей чарт этти.

- Бизди бирөөгө алмаштырып алгансыңар го, балким аты-жөнү окшоштур, - деп эшигин жаап алмак болду.

- Адашпай эле, сиңдим, менден азыраак эле кичүү экенсиң, силер таштаган кызды мен баккан элем, өзүм төрөгөн эмесмин. Өлөөр алдында карызымдан кутулуп, ошол кызды энесине тапшырайын дегем, тууган-уругу жок жалгыз калабы деп сары санаадамын, - дегенде тигил аял унчукпай көпкө туруп калды. - Атасы өтүп кеткен, институтту бүтүп, актриса болуп жүрөт, менден башка таянаары жок. Ооба, эч нерседен кем эмес, баары бар, бир гана таянаар-жөлөнөөр адам керек…

- Ошондой де…

- Ошондой, сиңдим, сенин неберең ишенээр адамы жок калбасын…

- Үйгө кириңиз, - деди аргасы түгөнгөн аял. Күмүшай калчылдаган колдорун жан чөнтөгүнө салып, даярдап жазып алган даректи берди:

- Мен өз милдетимден кутулдум, Малика Табылдиева дегенди издеп тапсаңар болот, мен кетейин, - деди да, артына бурулду. Ал кеч келди. Малика апасына күндө келип тура албагандыктан шарты бар квартира таап, Күмүшайды шаарга алып кетмекчи болду эле ал болбой койду. Жаңы баштаган ишин таштагысы келбей Малика ыйлай-ыйлай эртеси кайра шаарга кетти. Бир жумадан кийин келсе апасы өйдө боло албай жатып калган экен, бул жолу сүйлөй албады. Малика апасын өнтөлөп карап жатты. Көп өтпөй сексен бир жашар Күмүшайдын дагы ичээр суусу, көрөөр күнү түгөнүп, көз жумду. Ыйлап-сыктаган Малика өзү баардык ырым-жырымын жасап, жерге берди. Туура кыркын өткөргөндөн кийин болгон мал-салын сатып, шаардан үй сатып алды да, көчүп кетти…

Шаарга келгенден кийин өзүнө келе албай көпкө ыйлады, жаңыдан тартылмак болуп жаткан ролуна башканы алып койгондуктан тагдырына таарынып дагы көпкө жүрдү. Бир күнү ага Бермет жолугуп калды. Курбусуна көңүл айткан соң бир киного чакырып жатышканын айтып келип:

- Малика, сен өз талантыңды өлтүрбөшүң керек, жүрү мени менен, сени сөзсүз кабыл алат, - деди чын дилинен.

- Жок, Бермет, сага ак жол каалайм, азыр мен өзүмө келе албай жүрөм, мындай абалда менден жакшы роль жарала койбос, - деди жөн гана.

- Эмнеге, Малика, алаксыйсың баарын унутууга аракет кыласың, анан бат эле көнүп кетесиң, минтип жүрсөң өзүңдү чөгөрүп аласың, - деп Бермет чый-пыйы чыга үгүттөдү. Бирок Малика макул болбоду. Айылдагы үйүн сатууга кулактандыруу берген эле. Кайра-кайра бирөөлөр телефон чалганынан барып, айткан баага сатып жиберип, эми жөнөйүн деп жатканда коңшу аял басып келди.

- Кызым, үйдү сатып бекер кылдың, кийин-кийин өзүңө кереги тиймек, - деди ал көңүлүн сурай.

- Эже, эми бул үйдө калуунун кажети жок, баш-көз болуп турганыңыздарга рахмат, - деди Малика күлө карап.

- Сени эки-үч жолу бир аял издеп келип кетти, кызым, бул кагазды ошол берип кой деди эле?

- Ким экенин айтпадыбы? Рахмат сизге, - деди да, коштошуп жөнөп кетти. Өз үйүнө келип, көңүлсүз катты ачып окуду. Колдору калчылдап, көзүнө жаш толуп окуп бүттү. Катта мындай деп жазылган эле: "Саламатсыңбы, кызым, мен Султанова Венера, шаардык ооруканалардын биринде врач болуп иштейм. Сени менен жолугуп сүйлөшсөмбү деген элем, келип сенин бул жерден көчүп кеткениңди угуп, өкүндүм. Малика, сен мени кечир, түшүнөөрсүң деп үмүттөнөм, алгачкы сүйүүмдөн жаралган наристемди ата-энем өз пайдасын ойлоп, төрөтканага таштоого аргасыз кылган эле. Отуз жыл айтканга оңой, бирок ошол жылдардын ар бир күнү ыңаалап түшкөн наристенин үнү кулагымда болду. Унута албай келдим, жадагалса жүзүн көрсөтпөй менден алып кетип калган наристемдин өлүү-тирүүсүн биле албай зар какшап келгем. Эми дал ошол кызымдын сен экениңди билгенден бери түн уйкумдан кечип, оозума наар албайм… Ооба, мени кечирбесиңди билем, бирок менин кан-жанымдан бүткөн наристем экениңди унутпа. Сага да оор болоорун түшүнүп турам, садага, бирок мен айтпай коюуга чыдабадым. Султанова Венера. 1999-жыл", - деп коюптур. Малика ыйлап отуруп, апасынын: "Сандыктын түбүндө сени төрөгөн энеңдин дареги бар", - дегенин эстей койду да, шашылыш сандыкты ачып, ичиндегилерин ыргытып жатты. Эң түбүндөгү эски матага оролгон делону алып, ичин шашыла ачты. "1956-жылы 19-августта төрөлгөн Султанова Венера, 1974-жыл, 23-октябрь, кыз, 3 кило 200 гр. 55 см.", - деген жазууларды окуп алып, отурган жеринде буркурап жиберди. Азыр анын жанында сооротоор эч ким жогунан өзүн билбей калгыча тизелеп алып ыйлай берди, акыры көз жашы кургап калгандай томсоро отуруп калды. Каттын этегинде телефон номери да турат: "Мендей болуп алданып калган экен го. Курган жаным, таштанды кыз боло туруп, өзүм дагы кызымды бирөөдөн ажыратып алалбай, иги-жигин билбей жашап жүрөм. Жок, мен аны таштаганым жок, өзүм багып алмакмын, аны бирөөлөр атайын уурдады. Балким Айдар уурдаткан болуп жүрбөсүн", - деген ой башына келгенде жүрөгү булкуп алды. "Ырас эле, ушуну мурда ойлобогонумду кара. Чын эле мага үйлөнгүсү келбей анан аңдып жүрүп, баланы алдырып алгандыр, врачтарга акы төлөсө ага баланы уурдап берип коюп, өздөрү билмексен болуп калышкандыр. Балдары бар эле немелер эмне кылмак эле, чын эле Айдардын колунан келсе керек", - деп ойлоп, бир аз эс ала түштү. Бул кызынын өз атасы эмеспи деген ою болчу. Катты сумкасына салып алып, эртеси көчөгө чыгып, балмуздак жеп, бак аралап көпкө басып жүрдү. "Эмне, мен сенин төрөгөн кызыңмын деп бармак белем, ушул бойдон бири-бирибизди көрбөй эле койгонубуз дурус, мен баары бир ага көнө албайм", - деген ойдо телефон да чалбады. Түш оой үйүнө келсе Бермет күтүп туруптур.

- Телефон чалсам албайсың, эмне болду деп кабатырланып келсем жоксуң.

- Бир аз сейилдеп келдим.

- Сени мен атайын чакырып келдим.

- Кайда?

- Шашпа азыр эмес, эртең студияга барабыз, мен сени режиссерго айттым, таланты бар-жогун көрөлү деди.

- Бекер убараланып жатасың, Бермет.

- Жо-ок, өзүмө караганда сенден чоң талант чыгаарына ишенем. Сен чыгышың керек, Малика.

- Мен дагы бир аз эс алышым керек, кызымды менден уурдай качкандарды издеп табышым керек. Азыр мага убакыттын ар бир мүнөтү кымбат, кызымдын эртең туулган күнү, ал колумда жүргөндө тогузга толуп, онго карамак. Андан көрө кел, белгилейбиз, - деди Малика жарк эте.

- Макул, эртең сөзсүз келем, бирок сен мени менен барасың да, ролго жазылып, баарына даярдана турган болуп кел.

- Бермет, курбу-ум, мени кыйнабачы ээ? - Кучактап өөп жаракөрлөнө кетти. - Менин жападан жалгыз тураарымды билесиң го, андан көрө мени менен жашабайсыңбы, Бермет. Мага жалгыз туруу абдан оор болуп жатат, ар кайсыны ойлонуп жаман болом, алаксый албай жүрөм.

- Макул-макул эми, сени баш тартты деп койойун, бирок эми бир шанс болсо кетирбейм деп убада бересиң. - Бермет сөөмөйүн кезей Маликага жылмайды.

- Болуптур, сөз берем.

- Анда сүйлөштүк, мен кетишим керек, кечигип барбайын. Азырынча жөн эле эпизодго катышмак болдум, акырындап мага чоң болбосо дагы ортороок роль болуп калаар… - деп коюп Бермет чыгып кетти. Малика диванда: "Эмне кылсам экен, Венера Султанова менен учурашып, таанышып койсом бекен? Балким бул жалгыздыктан кутулаармын, же кереги жоктур, билбеген бойдон кала берсемби? Апакем ай, неге мага аны айтып кеттиң эле, ырас мен дагы балалык кылып, багып алганын айтпаганда мындай болбойт беле?" - деп ойлонуп жатып уктап кеткен экен, апасы менен атасы түшүнө кирди. "Кызым, көп ойлонбо, апаңды тап, жалгыз кыйналып каласың, тээтигини көрдүңбү? - дешти бир кезде. - Ал сенин кызың, ал кыйналып жатат, аны сөзсүз табышың керек. Сен аябай жакшы адам болосуң, айтканыбызды унутпа, кызым", - деп көздөн кайым болушту. Көзүн ачкан Малика таңгала эмелеги ата-энесин кадимкидей көргөнүнө сагынычы ашып-ташып ыйлап кирди. "Тигине көрдүңбү, ал сенин кызың, ал кыйналып жатат", - дегени эсине түшүп, сербейген кызды артынан көрүп, жүзүн көрө албаганына ичи ачышты. "Кыйналып жатканы эмнеси, атайын алып кетип, кызымды кордоп жатабы, кудай ай, кантип, кайдан издейм?" - деп ыйлап алды. Карды ачканын сезип, газга тамак жасады. Өзү жалгыз соксоюп отуруп тамак ичти, анан кайра диванга келип телевизордон кино издеди. Акыры андан жадап дивиди койду. "Титаниктеги" кыйраган кеменин ызы-чуу түшүп чөгүп бараткан каармандарына боор ооруп отурат, аны көп жолу көргөнгө жаттагыдай деле болгон. Ошентсе да уйкусу келбей көрүп отура берди. Анан жатчу бөлмөсүнө кирип, жатып калды. Бул жолу апасы өзү түшүнө кирди: "Балам аа-ай, кызыңды жоготуп сыздаганыңды эмнеге жашырдың, азыр ал кызың кыйын акыбалда, тапканга аракет кыл", - деп аппак көйнөгүн желбирете жанына келип жүзүнөн сылады. "Сен бийик адам болосуң, бактың тоодой, кызым, ойго алдырба", - деген бойдон булутка окшоп акырын каалгый эшиктен чыгып кетти. Чочуп ойгонду, бирок апасын өңүндө көргөндөй кубанып калды. "Байкуш апам, мени аякта да ойлонуп тынч жата албай жаткан тура", - деп көз жашын сыдыра ары оодарылып, кайра уктап кетти. Эртең менен эшиктин коңгуроосунан улам ойгонуп, босогого келди.

- Ким бул?

- Мен, Малика, ач эшикти, - деген Берметтин үнү угулганда эшикти ачып ийип, өзү артка кайрылды:

- Мынча эрте кайдан жүрөсүң? - деп көзүн ушалай эстеп койду.

- Кайдагы эрте, саат он болуп калбадыбы? - деди Бермет күлүп.

- Апей, он болуп калдыбы? - Малика кийимин кийинип, жуунуп чыкканча Бермет чай коюп, тамагын ысытты. Экөө отуруп эртең мененки тамакты ичип жатканда:

- Малика, сен кызыңды кайдан издемексиң? - деди Бермет.

- Ошону өзүм дагы билбейм, түшүмө атамдар кирип, кызың кыйналды дешип жатыптыр.

- Койчу?

- Калп айтып кара жаныма күч келди дейсиңби? - деди Малика ойлуу. - Сен, курбум, мен жөнүндө эч нерсе билбейсиң, мен сага бир сыр айтышым керек, - деди.

- Ал эмне болгон сыр?

- Мен бакма кыз экенимди сегизинчи класста окуп жүргөндө билгем.

- Ырас элеби?

- Ооба, апам өлөөрүндө аны таап ал, жалгыз кыйын болот деген.

- Анан?

- Анан ал аялга дагы мен жөнүндө айтса керек, бул катты таштап кеткенине көп болду. Менин ал аялга баргым келбейт, курбум, ушунча жылдан кийин мен аны кантип апа дей алам, айтчы, мага кеңеш берчи, - деп Венеранын катын ага жылдырды. Бермет окуп көрүп, унчукпай көпкө отурду да:

- Телефон чалып көрбөйсүңбү? - деди.

- Корком.

- Эмнеге, жолугуп байкап көр да.

- Анте албайм.

- Токто-токто, мен чалып сүйлөшүп, керек болсо жолугуп көрөйүн, кандай аял экенин билейин, кандай дейсиң?

- Макул, сен Малика бол.

- Болду анда, - деп Бермет телефонго жетти, Малика чыдамсыздана карап турду.

- Алло, саламатсызбы? - деди Бермет трубканы алаары менен, арытан назик, токтоо аялдын үнү угулду. - Сиз Султанова Венерасызбы?

- Саламатчылык, ким менен сүйлөшүп жатканымды билсем болобу?

- Сиз менен жолугушум керек эле.

- Эмне маселе боюнча?

- Балким өзүңүз билээрсиз? - дегенде аялдын дем алганы угулуп, бир азга унчукпай калды. - Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болбосо жолукпай койсок деле болот.

- Жок-жок, сен кимсиң, кайдан жолугалы, мен даярмын, - деп шашкалактап кетти.

- Анда сиз кайдан күтө аласыз, мен өзүм барам.

- Филармониянын сол капталындагы отургучтан күтөм.

- Сизди кантип тааныса болот?

- Мен көгүш түстүү көйнөкчөн, чачым түйүлүү, колумда роза гүлүн кармап тосуп алам, өзүңөр таанысаңар болот.

- Макул, күтүңүз.

- Жарайт…

Трубканы койгон Венера муундары калчылдай отуз жыл мурун өткөн окуяны эстеп, дел болуп отуруп калды. Анда мектепте онунчу класста окуп жүргөн. Жапар Венерадан көзү өтүп, күндө кат жаза берип, аны акыры сүйдүрүп алды. Венера өзү кыздардан айырмаланган татынакай кыз эле, өзү да Жапарды ичинен жактырчу. Ата-энесинин катуу кармаганына карабай кечелерге, туулган күндөргө бара берчү. Апасы ал тилин албай кетип калып, кайра келгенде жаны калбай жемелеп, күйөөсүнө билгизбей отуруп калчу. Бир жолу кыш күнүнүн биринде Жапар туулган күнүнө чакырып калды. Ошол кечте классташтары үй-үйүнө тарап кеткенден кийин Жапар экөө калышты.

- Венера, окууну бүтөөрүбүз менен үйлөнөлүчү, - деди Жапар.

- Кантип, атамдар мени окуйсуң деп жатпайбы?

- Кийин окуй бересиң, болбосо сенден ажырап каламбы деп корком, - деп белинен имере кучактады. - Сени сүйөм, Венера.

- Мен дагы. - Венера уяла жер карады. - Апам эртең мени өлтүрөт. Жапар, ата-энем сага каршы болот го? - деди.

- Эмнеге?

- Билбейм, атамдар мени өздөрүнүн таанышына келин кылып беребиз дегендей болуп жатат, угуп калдым...

- Сен ошого макулсуңбу?

- Жо-ок, бирок сага бербесин даана билем.

- Анда мен сени акыркы экзамен күнү эле алып кетем.

- Кантип?

- Ушинтип эле, же сен дагы каршысыңбы?

- Каршы эмесмин дечи, бирок ата-энемдин сөзүнөн чыга албайм да.

- Сен меники гана болосуң, биз бактылуу болобуз, көрөсүң го. - Жапар кызды жүзүнөн аста өөп, күңүрт бөлмөдө диванга отурушту. Экөө катар отурганга жигиттин кучагында кыз жүрөгү ээлене кабынан чыгып кетчүдөй согуп жатты. Эки ашык бири-биринин демин тыңшап, көпкө отурушту. Жигит кызды кучагына кыса акырындап өөп оозуна жетти. "Мени ата-энеси жактырбай башкага бермек болсо анда эмнеге мен муну койо беришим керек. Мага буйрубаган кыз болочок жарына таза бойдон барбаса койсун", - деген ойдо кызга таттуу сөздөрдү айтып, сүйүүсүн аянбай арнап кирди. Ошол түнү жигити менен бирге болуп, Венера кыз атынан жаңылды. Бирок ал өкүнгөн жок, өзү Жапарды сүйгөндүктөн: "Мен Жапар менен качып кетем", - деп ойлоп, көңүлү ток.

- Жапар, мен сендикмин, атамдар айтса айта берсин, мен макул эмесмин, сен каякка десең кете берем, - деди төшүнө башын жөлөп.

- Мен алып кетсем каршы деле болбос, эмне менин ата-энем жаман адамдарбы, кызматы бар, экөө тең илим-билимдүү, кадыр-барктуу эле адамдар го?

- Ооба да, эмнеге антишет билбейм.

- Каршы экенин кантип билдиң?

- Менин сени менен сүйлөшүп жүргөнүмдү апам угуп калып, "Сен баары бир Жапар менен бактылуу боло албайсың, ушундайыңда андан алыс бол", - деп урушту.

- Эмнеге антет болду экен? Анда мындай кылалы, мен атама айтайын, ал эмне дээр экен ошондо көрөм да.

- Ошондой кылып көр, Жапар, мен апамдын сөзүнөн кийин эле коркуп жүрөм.

- Коркпо, жаным, эми бизди эч ким ажырата албайт, - деп Жапар кызды жанталаша өпкүлөп, кайрадан аракетке өттү. Денеси ооруксунуп турса дагы бул жагымдуу нерседен качпады кыз. Ошентип түнү бою экөө махабат көлүндө чабак урушту, алгачкы лаззат экөөнү тең рахатка бөлөп, бактылуу боло таңга маал гана туруп алып, мектепке жөнөштү. Венера сабактан үйүнө келгенде Зымырат:

- Кайда болдуң, шерменде? - деди аны акырая карап.

- Азизаныкында болдум, ал экөөбүз сабакка даярданып жатып, кеч кирип кеткенинен жатып калдым.

- Болуптур, атаң сенин үйдө болбогонуңду билбесин, - деген апасы өз ишине киришти. Венера эс ала түштү. "Азизага айтып койгонум жакшы болгон экен", - деди оюнда. Анда минтип Жапардан калган кыздын азабы өмүр бою жүрөгүн мыжыган санаа менен коштоп өтөөрүн кайдан билди. Тек жаштыктын жагымдуу курагы аны алга карай үмүттөнтүп, Жапар турганда өзүн бактылуу сезди. Санаасы жок жаштар сабактан кийин дароо эле Жапардын бөлмөсүнө барып, жыргап жүрө беришти. Жапар аны чын дилинен сүйдүбү же тоок сүйүүсү беле, айтор Венераны жакшы эле көрчү. Венеранын сөзүнөн улам ал бир күнү атасына сүйгөн кызына окууну бүтөөрү менен үйлөнөөрүн кеп кылмак болуп сөз баштады. Акылбек суу чарба министрлигинде начальник болчу. Апасы профессор, университетте окутуучу, аты Алтынай.

- Ата, - деди Жапар.

- Ийи, эмне кеп?

- Ата, мен окууну бүтөөрүм менен үйлөнөм.

- Эмне-эмне?.. - Акылбек баласын көз айнектин үстүнөн карады. - Үйлөнө турган кызың ким?

- Венера…

- Ал кимдин, кандай адамдын кызы?

- Ибраим Султановдун кызы.

- Эмне, ой бала, сен эмне деп турасың?

- Мен аны сүйөм.

- Сүйбөй-этпей эле азгырылдым дечи, жылмаңдаган неме го өзү.

- Ата, Венера жакшы кыз.

- Болду токтот, андай эле үйлөнгүң келсе мен сага кызды өзүм таап берем, бар, ишиңди кыл!

- Ата, мен Венераны…

- Жетишет! - Акылбек үнүн барынча чыгарып, уулун ачуулуу карады. - Экинчи анын атын атабы!

- Эмнеге, ата?

- Жөн эле, бар ары, эртең сага кыз тандайбыз.

- Мен башканы албайм.

- Аласың!

- Эмне болуп кетти? - Алтынай сырттан кирип, экөөнү алмак-салмак карап калды. - Силерге эмне болгон?

- Балаңдан сура! - деп Акылбек диванга чалкалай отуруп, терс бурулду. Алтынай уулу эшикке чыкканда кошо чыкты.

- Уулум, эмне сөз? - Жапардын маңдайына келип, жүзүнө үңүлдү. - Атаң анчалык эмне ачууланып алган?

- Мен Венерага үйлөнөм десем эле…

- Ай, уулум, сен али мектепти бүтүрө элексиң да?

- Көп болсо эки ай калбадыбы, Венераны ата-энеси башка бирөөгө бермек болуп жатат, бүтөөрүм менен үйлөнүшүм керек, - деп дулдуйду Жапар.

- Эмне ошончолук эле сулуу кызбы? - деди Алтынай жылмая.

- Ооба, аябай сулуу кыз. - Жапар апасын үмүттөнө карады. - Сага да жагат, апа.

- Катуу сүйөсүң го, балам, ээ?

- Сүйөм.

- Ал кыз дагы сүйөбү сени?

- Ооба, башкага барбайм деп жатат.

- Ким дегендин кызы, уулум?

- Ибраим дегендин.

- Эмне, Ибраим дейсиңби? - Алтынайдын жүзү өзгөрүлө туруп калды, көзүн жума ары басып баратып, - Уулум, аны унутуп кой! - деп дубалды жөлөнө үйгө кирип кетти.

- Апа, эмнеге эле Ибраимдин атын укканда атам экөөңөр тең ачууланып кеттиңер? - Жапар апасынын артынан кирип, Алтынайды тике карады. - Силер тоскоол болсоңор да баары бир Венерага үйлөнөм, эгерде силер үйлөнткүңөр келбесе алып кетем башка жакка! - деди да, чыгып кетти. Ошонун эртеси сабакка келип, Венераны таппай калды. Зымырат Венеранын боюна болуп калганын билгенден кийин Ибраимге:

- Сен туура көрсөң Венераны апама жөнөтөйүн, ал ооруп калыптыр, экзаменди ошол жактан деле бүтүрсө болот, - деди абай сүйлөп.

- Окуусун бүтүрүп, анан барганы жакшы го?

- Мен сүйлөшүп койом, көп болсо бир ай калбадыбы?

- Өзүң бил. - Ибраим эмне кылсаң ошо кыл дегендей болду.

- Эртең айылга барып көрүп, Венераны таштап келейин.

- Макул.

- Карыганда байкуш апам жалгыз калды, эки баласы дагы аялдарынын тилинен чыкпайт, эжемдин дагы шарты жок, - деп күңкүлдөгөн Зымырат ичке кирип, Венераны жер-жебээрине жеткире урушуп, кийим-кечесин салыштырды. Бул кезде Венеранын боюндагысы үч айдан өтүп калган болчу.

- Апа, окууну бүтүп алайынчы…

- Болбойт, эгерде мурун билгенимде алдырып коймокмун, аттестатты өзүм алып берем, - деп койду каардуу карап. - Өлүп эле калсаңчы, Жапарды сени алат деп ойлоп жатасыңбы?

- Ал мектепти бүтөөрүбүз менен үйлөнөбүз деген, - деди Венера ыйлап.

- Албайт! - Зымырат бакырып ийди.

- Эмнеге, апа?

- Ошондой, ага эчтеке билдирбешиң керек, айылга алып барып жоготобуз!

- Апа, мен Жапарды сүйөм!

- Сүйбөй сүмүрөң кал, унчукпай даяр бол! - деди да, чыгып кетти. Түн бир оокумда үйдөн жылып чыккан Венера жолдон такси кармап, Жапардын үйүнө келди, ал жалгыз жашачу. Ата-энесине кээде күндүзү барып келип, атайын алып берген үйүндө болот. Өзү бир үйдүн жалгыз баласы, булардын да өздөрүнчө сыры бар, аны кийин кеп кылалы. Венера шашылыш келсе Жапар уктап жатыптыр, эшик такылдаганда араң ачты:

- Сен кайдан? - деди кабагын тырыштыра.

- Жапар, мен сага качып келдим, сүйлөшүп алышыбыз керек.

- Эмнени сүйлөшөбүз, Венера?

- Менин боюма болуп калыптыр, апам билип койду, айылга эртең эрте кетем, окутпай алып кеткени жатат.

- Эмне кыл дейсиң? - Жапар кенебей жооп берди. - Боюңда барын билгенде алдырып койбойт белең?

- Сен жинди болдуңбу, үйлөнөбүз дебедиң беле, окууну бүтөөрүбүз менен үйлөнсөк төрөп алам да?

- Койсоңчу, сен жалаң эле мени менен жүргөнүңдү кудай билет, кой, андан көрө жатып кетесиңби? - деди кучактамак болуп.

- Акмак! - Венера аны жаакка чаап ийди, анан жүгүрүп чыгып, өзүн күтүп жаткан таксиге отурду. Үйүнө келгиче көзүнүн жашы тыйылбай ыйлап келди. Өлөйүн деп өлө албады, түнү бою эшикте бүрүшүп отура берди… Жапар да оңой абалда калган жок, анын сүйүүсү Венерага түбөлүк болчу, бирок ата-энесинин каршылыгын кантет. Акылбек бир күнү анын үйүнө келди да:

- Уулум, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деди креслого отуруп.

- Угуп жатам, ата.

- Сен туура түшүн, мен сүйүүнү жакшы түшүнөм, бирок сенин Венерага үйлөнүшүңдү каалабайм, - деди.

- Эмнеге?

- Ачыгын айтсам, Ибраим экөөбүз бири-бирибизге өчпүз…

- Кайра табышсаңар болбойбу, биз данакер боло албайбызбы?

- Жок! - Акылбек өйдө туруп, терезеге келди да, терең дем алып алды. - Кандай десем, апаң Алтынай менен Ибраим бир кезде сүйлөшүп жүргөндө мен ала качып алгам, ошондо… - деп келе жатып токтоп калды. Ал ушул азыр: "Алтынай кош бойлуу келген, ал сен болчусуң, мен апаңды сүйгөнүм үчүн жашап жүрөм", - деп айткысы келди. Бирок айта албады. Жапар андан ары уккусу келбеди. Дароо эле чыгып кетип калды. Акылбек оор күрсүнүп алып, аны күтпөй үйүнө жөө жөнөдү. "Ооба-а, мен Алтынайды катуу сүйдүм, ошондуктан төрөбөсө дагы анын баласын багып жүрөм. Ибраим баласы бар экенин билбейт дагы, демек билбеген бойдон калганы дурус. Алтынай негедир андан кийин төрөбөдү, ушунчадан өз бир тууганын сүйүп калганын кара. Жо-ок, алардын кошулушуна жол бербеш керек", - деп жол ката бушайман боло ойлонуп келди. Анын сабыры суз келгенин көргөн Алтынай бир карап түшүндү, эч нерсе дебеди, негизинен экөө көз караштарынан эле бири-бирин түшүнүп койчу.

- Мен Жапарга жолугуп, ачыгын айтып келдим, - деди Акылбек көптөн кийин.

- Эмне, эмне дейсиң, Акылбек? - Алтынайдын колундагы табак жерге түшүп кетти.

- Албетте баарын эмес, Ибраим экөөбүздүн айныксыз өч экенибизди…

- Аа-а, ошондой дечи, - деп улутунуп ийди Алтынай.

- Алтынай, мен сүйүүнүн кандай экенин билем, Жапарга өтө кыйын дечи, бирок ал каалагандай болушу мүмкүн эмес экенин түшүнөт, жигит болуп калбадыбы, бизди түшүнөөр…

- Билбейм, Акылбек, мен сага ыраазымын, Жапарды өз балаңдай көрөсүң, менин дагы бир айыбым - сага төрөп бере албадым.

- Сен Ибраимди сүйчүсүң да? - деди Акылбек ызалуу.

- Койсоңчу, Акылбек, ал убак эбак өтпөдүбү, мен азыр сенин аялыңмын, - деп Акылбектин ийининен ала жүзүнө эңилди. - Мени сүйгөн жарым маңдайымда турбайбы?

- Рахмат, сен мени түшүндүң, сүйүүмдү кабыл алдың…

- Акылбе-ек, - деп Алтынай эрин эркелете чачтарын уйпалап койду.

- Ооба, алтыным, мен сени жаным менен сүйдүм, кан-жаным менен сүйдүм, сенден башка көзүмө көрүнбөй калган Алтынай. Кээде ойлоп кетем, бул сүйүү деген өзү кандай нерсе, барбы сүйүү деген же күйүп-жанып бирөөнү жактыруунун кереги жокпу…

- Балким жөн эле жаштыктын бир делөөрүүсүдүр…

- Ошондой болсо эмнеге ушул кезге чейин мен сени жакшы көрөм?

- Ал биздин он жети жыл жашап, бири-бирибизге көнүшүп калганыбыздан болсо керек, өзүңдү күнөөлүү сезип жатат окшойсуң. Бул тагдыр, жаным, экөөбүздүн колдон не келет, ушунчадан Жапардын ошол кыз менен бирге окуп калганын карасаң…

- Да-а, тагдыр деген татаал оюндай экен да, бирде жеңсең, бирде жеңилип бересиң, көңүлүң баарынан калган кезде жашоодон аша кечкидей абалда каласың. Бирок мына бул жакшынакайынан жаманы, таттуусунан ачуусу көп жашоо адамды дагы да жашоого жетелей берет тура, Алтын.

- Ооба десең, себепчи болгон бир гана бейкүнөө сулуу жаралган кыздар, ошол алсыз бечара аргасыз кыздарды биринен-бири талашып, бирине-бири жоо болуп өмүр өтө берет тура.

- Өкүнөсүңбү?

- Жок, чындыкты айттым, Акыл.

- Мейли, өтүп кетет, башкы себебин укпаса болду.

- Кызды ага жек көрө турган кылып коюш керек го дейм?

- Алтын, акыл-эстүү жансың, биз жаңылып калбас бекенбиз, пендечиликтин парзынан кутулушубуз керек го?

- Ачыгын айтсак дейсиңби?

- Күнөө болоор, чындык канчалык ачуу болсо да чындык болгону жакшы эмеспи, баары бир анын баласы, Алтын.

- Жүрөгүмдү канаттың, Акылбек.

- Кечир, жаным…

- Мен өлгөндөн кийин айтышың керек, ага чейин бул сыр экөөбүздүн гана ичибизде калышы керек, - деди Алтынай буйрук берген сымал.

- Жарайт, жаркыным, биздин уулубуз бойдон калсын.

- Ишенем… - Ошону менен сөз бүтүп унчугушпай калышты. Алар туюкка камалып отурганда Жапар ызасы менен жолго чыгып, балдарына жолугуп, пиво ичип отурган. Бир убакта кызып калган немелер мушташа кетишип, участкага түшүп калды. Кечинде үй телефону чырылдаганынан Акылбек алды:

- Алло, угуп жатам.

- Бизге Акылбек Абдылдаевич керек эле.

- Мен угуп жатам, сураган ким экен?

- Биз Биринчи май РОВДсынан чалып жатабыз. Сиздин балаңыз Жапар Абдылдаев бизге түшүп калды, келип кетесиздерби?

- Кандайча?

- Мушташыптыр.

- Азыр, - деп Акылбек трубканы коюп койду да, телефонду бурап, ошол РОВДда иштеген досуна чалды. - Алло, Артык Батыров бар болду бекен?

- Угуп жатам.

- Аа-а, кандай, Артык, бир аз иштер болуп калды.

- Айта бер, Акыл, кандай иш?

- Биздин бала участкаңарга түшүп калыптыр…

- Эмне болуп?

- Мушташкан окшойт?

- Кам санаба, дос, азыр өздөрү жеткирет, өзүңөр кандайсыңар?

- Жакшы, досум, баары жайында, апасы уга электе бошотуп койбосоң болбойт, эми жаштар мушташат, урушуп-талашат да, түшүндүр ээ?

- Албетте, Абдылдаевичтин баласын кармаганга акылары жок да, - деп карс-карс күлгөн Артык трубканы койду. Арадан жарым саат өтпөй Жапар үйдө болду, аны сырттан тосуп алган Акылбек:

- Кандай, баатыр? - деди.

- Кечир, ата. - Жапар башын жерге сала кежигесин кашып турду.

- Апаң билбесин, унчукпай кире бер, - деп Акылбек өзү сыртта калды. Ушул учурда ал өткөнүнө нааразы боло: "Аттиң, бекер кылган экенмин, Алтынай дагы өз сүйгөнүнөн айрылганга ичтен сызып, мага нааразы болгондуктан төрөбөй да калды. Жаңылган экенмин, сүйүү деген азгырык гана тура", - деп ойлонуп ары-бери басып жүрдү. Алтынай болсо өзүнчө кыжаалат болуп, ашканада коньяктан ичип отуруп: "Ооба, мен Ибраимди сүйчүмүн, сен болбосоң балам өз атасында өсмөк, бактымды байладың. Өзүңдү жакшы көрүп жашоого үйрөттүң, өз баламдай көрөм дедиң, болбосо мындай болмок эмес. Жиним келгенинен эки баланы алдыртып салдым, сага өчөштүм, кыянаттыгың үчүн балалуу болбой өтүп кетсин, жашоодо өкүнүч-арманды сезсин дедим, Акылбек", - деп ыйлап жатты. "Эгерде Жапардан кийин экини төрөп койсом менин баламды өгөйлөп калмаксың, Акылбек", - деп ойлогондо жылмайып алды, бул мыскылдуу, табалаган жылмаюу эле…

Алтынай өзү ишине берилген ишмер, жакында профессор наамын алды. Уулунун он сегиз жашын иштешкендерин чакырып белгилешмек. Ошондо бир подругасынын кызын тааныштырам деген ойдо жүргөн, анан капысынан бул иш болуп кетти. Акылбектин сөздөрү Алтынайдын жүрөгүн оорутту, терең ойлонуп көрсө Акылбекти күйөө катары кабыл алганы менен андан балалуу болгусу келбей жаман мамиле кылып келиптир. Төрөтүн токтотуп койгонуна азыр өкүндү да: "Жо-ок, бул кылганым болбойт. Эртең врачка көрүнөйүн, али кеч эмес, өзүмчүлдүктүн чеги болуш керек. Отуз жети жашымда төрөгөнгө болоор", - деп ойлоп жатты. Ал бир топ кызып калганда Жапар кирди.

- Келдиңби, уулум? - Алтынай башын көтөрө карады.

- Ооба, сага эмне болду, апа?

- Эчтеке болгон жок, кардың ач болсо тамак ич.

- Макул, - деген Жапар апасынын түрүн көрүп: "Ибраим жигити болсо, мен анын кызын алам дегенде кыжаалат болуп, ичип жаткан экен. Дегеле ичкенин көргөн жок элем, кой, сүйүүсү менен курусун, апамды аяйынчы", - деп үндөбөй тамак ичти. Эми туруп кетмек болгондо:

- Отур, - деди Алтынай ага сүрдүү карап. Негизи аял болгону менен сүрдү да, катуу да аял эле.

- Эмне болду, апа?

- Сүйлөшчү сөз бар.

- Айта бериңиз.

- Эмне деп чечтиң?

- Бүттү.

- Демек бүттү дечи?

- Ооба.

- Бара бер, - деп койду Алтынай башын көтөрбөй, ал өтө кызуу болчу. Жапар бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин Акылбек кирип, аялынын жанына отурду. Алтынай ушул ирет ага жылмая карап:

- Акылбек, кечир мени, биртике ичип койдум, - деди рюмканы кармалап.

- Эчтеке эмес, сенин ордуңда бардык адам ошентмек.

- Ыраспы, ачууң келген жокпу? - Ыржайып, жүзүн тырыштыра карады.

- Эмнеге ачууланам, кел, мага дагы куйчу.

- Ичелиби? - деп кашын серпе Алтынай рюмкаларга коньяктан куюп, бирин Акылбекке жылдырды. - Алып кой, ынтымак үчүн ичеличи! - деп Акылбекке карабай ичип жиберди.

- Сүйүү үчүн ичем, Алтынай, сүйүү адамды бирде чексиз бактыга бөлөсө, бирде азапка салат жана дүйнөдөгү эң ыйык сезим деп эсептелет эмеспи, ошондуктан сүйүү үчүн ичели, - деп Акылбек кыжырлуу рюмканы колуна алып, ичип ийип, оозун басып, көзүн жумуп калды.

- Сүйүү үчүнбү, сүйүүнүн экөөбүзгө тийген кайсы пайдасы үчүн ичебиз, Акылбек? Сен го сүйүүңө жеттиң, андан эмне таптың, бир ташты кучактап жаткандан артык эмне таптың, же ушул бакыттын жеткен чеги деп ойлойсуңбу?

- Жок, сүйүүнү жек көрүп турам.

- Туура, жек көргөнүң туура, мен дагы эбактан бери жек көрөм, - деп Алтынай кыжыры кайнагандай тиштенип алды.

- Алтын, жүрү эс алалы.

- Жата бер, мен азыр жатпайм.

- Макул, - деп Акылбек акырын туруп, уктоочу бөлмөсүнө кирди. Ой желесине оролуп, ушул тапта өзүн эң бактысыз, эң алсыз сезип турду. Акыры: "Биз ажырашуубуз керек", - деген чечимге келди. Канча убакыт жатканы белгисиз, уктап кетиптир, көзүн ачса Алтынай жанында ары карап уктап жатыптыр, туруп сыртка чыкты. Басса-турса чырмалган ойлор бура бастырбай жүрөгү ооруп, таңкы чайды ичкенден кийин экөө тең жумушуна жөнөштү, лам деп бири да үн катпады. Алтынай адегенде эле тааныш гинекологуна барып жолукту. Гүлкан абдан жакшы аял, Алтынай менен көп жылдан бери курбу.

- Оо кел, Алтынай, сени кайсы шамал айдап келди? - деди ал курбусун көрүп эле.

- Келдим, курбум, өзүм кетирген кемчиликтеримди кайра жууп кетире аламбы деги, сен мага кеңеш берчи.

- Анча эмне болду, отур, жай сүйлөшөлү. - Экөө Гүлкандын кабинетинде отурушту. - Кана, сүйлө, кандай сөз?..

- Адегенде айтчы, Гүлкан, мен эми төрөй аламбы?

- Эмне дейсиң? - Гүлкан аны таңгала карады.

- Көрүп, төрөймбү же төрөбөймбү мага айтчы? - деди Алтынай Гүлканга көз айрыбай тигиле.

- Макул, көрүп, текшерип анан айтайын, жат, - деди күлө Гүлкан. Азыркыдай аппарат жок ал кезде, креслого жаткырып алып, көпкө чейин көрдү. - Анализ тапшырып койчу, төрөсөң болчудай…

- Болчудай дегениң эмнең?

- Жашың өтүп калганда кыйналбайсыңбы дейм да.

- Төрөй турган болсом болду, тигини алып сал, - деди Алтынай чечкиндүү, Гүлкан курбусунун бул чечимине түшүнө бербей ийинин куушурду.

- Мен сага таң калып турам, боюңа болгон балдарды алдырып койдуң, тил албай жатып, эми төрөйм дегениңе жол болсун?

- Аял өзү канча жашка чейин төрөйт?

- Ар кандай.

- Сен таңгалба, курбум, эгер төрөй турган болсом уулум жалгыз болбойт, туурабы?

- Башында ойлосоң болмок аны.

- Эми дагы кеч эмес деп ойлойм.

- Туура дечи, сенин ден-соолугуң жайында, баары болот, курбум, төрөйм дегениңе кубаныч билдирем.

- Рахмат.

- Эми бир жума дарыланышың керек, мен баарын жазып берем, калтырбай алгын.

- Сөзсүз алам, курбум.

- Тилегиң орундалсын.

- Айтканың келсин, жакшы кал, эртеңден баштап дарыланууну баштайм, - деп Алтынай жылмайып коюп, кабинеттен чыкты. "Он жылдан бери сактанбай койсом балдарым чоңоюп калмак экен, акылы кыска, чачы узун аялмын да, өзүмчүлмүн, ырас эле жашым өткөндө төрөйм деп кыйналбас бекенмин".

Зууракан Өктөмдү атайын акча табуу үчүн уурдай качып, башка батирге которулуп кетти да, улуу кызы Мирага алып отургузуп, базарларга чыгара баштады. Жайдын күнү эки айлык наристенин арты менен кечке отуруп, элден түшкөн акчага оңуп эле калды. Батирине, кийим-кечелери менен ичкен-жегенине кенен чыга баштап, эптеп наристени багып жүрдү. Мира он жашар кыз, баланы алып отуруп карды ток, кечке каалаганын алып жейт. Кечинде үйгө келгенде апасына минтти бир күнү:

- Апа, Өктөмдүн апасы базардан көрүп калса эмне кылабыз?

- Көрбөйт, ал окуп жүргөн немеге баланын кереги жок деле, жогото албай жүргөндө биз шылтоо болбодукпу. Буйруса бул кыз бизге толгон байлык алып келет, унчукпай отура бер, кызым.

- Кышында дагы чыгабызбы?

- Чыкпай анан, жөн эле бага берет белек, сүтүнө канча кетип жатат, ошону актасын, кийимди болсо орустардын эски кийиминен сатып алабыз, - деп колуна чоң шишеге сүт кошулган чайдан куюп берип, кечинде бир кафенин алдына алып барып, өзү алысыраактан карап турду. Кафе жабылып, эл тараганда кеч келишти. Ошентип жашоолору оңолуп, акча жыйнай башташты, айына тогуз-он миң табышат. Бирок Зууракан кызга дегеле мээрим төгө албады, аны акча тапчу буюмдай сезет, эки-үч жылда шаарга жакын айылдардын биринен үй алышты. Күйөөсү Турдубек кой оозунан чөп албаган момун адам, үйгө келгенде Өктөмдү жакшы көрүп, жетелеп ойнотот. Көтөрүп эркелетет, үчкө чыкканда кадимкидей тили чыгып, көпөлөктөй кыз болду. Күнү куру эмес, баладай болуп ойногонду билбейт, таң атты бирдеме ичирип алып, Мира жетелеп кетет. Кечке алдына алып отуруп, кайыр сурайт, боору ооруган адам көп эмеспи, кээси жүз сомду бүкүлү таштайт, көбү бир сомдук таштайт. Узун күнү кечке отуруп, беш-алты жүз сом табат, кээде миң сомго жетет. Бир күнү Өктөм эти ысып ооруп калды.

- Апа, ооруп жатат, бүгүн чыгарбай эле койойунчу? - деди Мира.

- Өлбөйт, кассанын кемип калаарын ойлобойсуңбу ыя, дары-берип кой да, алып чыга бер. Муну менен мен өмүр бою акча табам, буйруса, - деген Зууракан жымыңдай кызга дары-берип, кардын тойгузду. - Күн ысык болуп жатпайбы, көлөкө жерге отур, ооруган балага ого бетер көп берет, - деп үч жашар Өктөмдү Мирага көтөртүп базарга жөнөттү. Кечинде келчү көк-жашыл акчаларды элестетип өз ишине киришти. Он күндө бирден чогулган майда акчаны банкка алпарып крупный кылып алат да, ката берет. Үй-жайын оңдоп, жакында той дагы бермек. Турдубек:

- Зуураш, Өктөмдү ооруп жатканда үйгө эле калтырбайт белең, анын энеси кызын таппай зар какшап жүргөндүр, сен аны кордоп жатасың. Кудайдан корксоң боло? - деди эле аны акырая караган Зууракан:

- Анда эркектей болуп сен таппайт белең, эгер минтип бул кызды амал менен ала качпаганда бул үй да жок, темселеп батирде жүрмөкпүз. Күндө жеген эт менен тамак-ашты сен табат белең? - деп аңкылдап койо берди.

- Ошондо да аяп койбойсуңбу, жаш бала өлүп калса акыры кудай алдында өзүң жооп бересиң! - Турдубек жини келе ушинтти да, үйдөн чыгып кетти. - Энеңдурайын акылсыз катын, бирөөнүн баласын акча табам деп алып жүргөндөн кийин жакшылап кара да.

- Ишиң болбосун!

- Акмак, сендей катынга туш кылган жаратканга нааразымын, сени көргөн Мира кандай аял болоор экен, оңойдон байлык табам деп ач көз болуп арам ишке барбаса болду, - деп кызынын келечегинен кабатыр боло эшигинин алдындагы отургучка отуруп калды. Зууракандын ойлогону акча гана болуп калган, тойго даярдык көрө үй ичин жасалгалап, бардар адамдай көрүнүүнүн аракетинде төркүндөрү менен кайын журтунан түшчү кошумчалар көзүнө элестеп, жан-алы калбайт. Мира эти ысып демигип, чыргоолонгон Өктөмдү кечке алып отуруп, бир пакет толгондо үйүнө эптеп көтөрүп келди. Өктөмдүн эти от менен жалын болуп онтоп, көзүн ачпай калыптыр. Зууракан өзү билип дарыканадан суук тийгендин уколун алып келип, сайды да, артынан дары берип, жаткырып койду. Түнү бою онтоп жатып, таңга маал этинин ысыгы түшүп, тынчып уктап калды, аябай тердеди. Эртең менен дагы укол сайып, дары берди да, Мира менен Турдубектин каршы болгонуна карабай кайрадан базарга жөнөттү Зууракан:

- Өзүнө укол-дарыга акча тапсын, эчтеке болбойт.

- Аял болгонуң менен мыкаачы экенсиң, - деп Турдубек сөгүнүп тим болду. Ага Зууракан унчукпай калмакпы:

- Ушу сенин азабың өттү же жарты тыйын тапканга жарабай, акча тапканга эптеп бирөөнү иштетип жатса аны да тим кой, тим кой деп, эркек болуп туруп шалсың. Сени таштап кетпей үч бала үчүн жашап жүргөндө кудай десеңчи.

- Сенин арам ишиңди көрүп туруп, өзүм да тажап баратам, мен дагы ушул үчөө, Өктөм үчүн жүрөм, - деп сөгүндү Турдубек.

- Кетпейсиңби анан, эмнеге жашап жүрөсүң, беш күндө бомж болосуң, сендей шал эркектер кардын тойгуза албай ара жолдо калат.

- Сендей ажаан аялдын арам ишинен көрө бомж болсом да адал тамак таап жемекмин, - деп кобурана ажылдаган аялынын андан аркы сөзүн укпай сыртка чыгып кетип калды. Зууракан бара-бара дос-курбу күтө баштады, келин-кесектер менен шарактап арак ичип жүрүп, кечинде келет. Акчаны санап катып алат, күйөөсүн карап да койбойт. Үч күн катары менен эки маал укол салып, дары бергенге Өктөм кадимкидей сакайып, ойноп калды.

Ошентип убакыт өтүп, Өктөм жети жашка чыкканда аны өзүн отургузуп коюшуп, Зууракан же Мира оолагыраак жерде акмалап турат. Убакыт өтө берди, Мира бой жетип, жыйырмага чыкты, окубаган соң тамга тааныбайт. Бирок акчаны шыпылдатып укмуш санайт. Кийинки күндөрү Өктөмдү газводага жакын отургузуп, өзү суу сатып иштеп калды.

Өктөм жакшынакай болуп чоңоюп калды, ал оюнда акча таппаса жашай албачудай сезгени менен өзүндөй кыздардын эчтекеден бейкапар ойноп жүргөнүн көргөндө суктанып алат. Күндөрдүн биринде Зууракан жолдон өткөн унааларды тоскон аялдарды, балдарды көрүп, эми Өктөмдү шлагбаумдагы светофорго койду. Өзү четтен карап турат. Отуруп тапканга караганда жолдон көп түшөрүн байкаганда кымыңдап алды. Мира мектепке окубаганына өкүнүп:

- Жок дегенде Нурлан менен Нурдин окусун, апа, Өктөмдү деле мектепке бериш керек, - деди бир күнү.

- Өктөм окуп эмне кылмак эле, акча табышты билет, аны окуткандан көрө Нурдин менен Нурланды окутайын.

- Өктөм деле окуй берсин.

- Ал окуганда акчаны ким табат?

- Кызыксың, апа, бирөөнүн убалына калба, ушул бойдон эле жүрө бермек беле, ал дагы бойго жетет, күйөөгө тиет, ошондо уят болосуң.

- Күйөөгө тийбейт!

- Эмнеге? - Мира апасын таңгала карады.

- Аны эмне сурап калдың, тим кой, ошо чоңойгондо көрөбүз, - деди Зууракан. Өктөм күндөн-күнгө сулуу болуп жетилип келе жаткандыктан анын келечегин эбак эле ойлонуштуруп койгон. Аны кызына айтмак беле, "Эптеп он бешке чыксынчы, анан мындан да көп акча таба турган ишке киргизем", - деп ойлоп өзүнчө жылмайып койду. Мира аябай боорукер, Өктөмдү өзүнүн бир тууганындай эле көрөт, кээде өз энесин жек көрүп кетет, өзү теңдүүлөрдөн уялат. Жайкысын газводага иштеп, бир мектепке сүйлөшүп, кечкисин окуганга кирди. Өзү менен бирге Өктөмдү алып алайын десе Зууракан каршы болду. Кечкисин жатаарда өзү билгенин ага да үйрөтүп жүрдү Мира. Убакыт токтоп турбайт эмеспи, Өктөм онго чыгып калды, дагы эле үстүндөгү эски-уску кийими менен жолдо кайыр сурап жүрөт. Айдар баягыдан кийин эки-үч жолу ага акча берип өттү. Аңгыча Бермет менен жолугушуп экөө кафеде отурушту.

- Бермет өзүң кандайсың, Малика кандай жүрөт? - деди Айдар аны кубанычтуу күлмүңдөй карап.

- Баары жакшы, Айдар, Малика деле жүрөт, жакында киного тартылганы турат.

- Гезиттен окуп калдым эле…

- Ооба, эми сен ага жолукпай койсоң дагы болот, ата-энеси өлгөндөн кийин шаарга келген. Кызын жоготуп алып, ошондон бери тагдырына таарынып жүрөт, абалы өтө кыйын, эми алаксып баратат.

- Бермет мен аны атайлап таштаганым жок, аргасыздан ушул болду, атам болбогондо биз бактылуу болмокпуз. Кызыбыздын дайын-дарегин билбейби анан?

- Кайдан, билсе сыздап жүрбөй алып албайт беле?

- Ким, кандай неме уурдады экен, өткөндө да айттың эле…

- Болду-болбоду баласы жок бирөө багып алды го, ал эрке кыз болуп чоңоюп жаткан болуш керек? - деди Бермет. - Бирок Маликанын апасы түшүнө кирип, кызың жаман абалда, кыйналып жүрөт дептир, иши кылса түшүнө албайм, сен да изилдеп көрсөңчү?

- Жок дегенде бир белгисин билет болду бекен, кимге окшош болду экен, кантип тааныш керек? - Айдар ойлуу Берметти карады. - Мени сурады дебей, өзүң сурап көрчү, бир белгиси барын байкаган бекен?

- Мен сурап көрөйүн, эгерде кызды тапсаң анда сени менен сүйлөшүп көрүшү мүмкүн. Айдар, мен бүгүн бирөөгө жолугушум керек эле, анда барайын, сыйың үчүн рахмат, - деп Бермет ордунан козголду.

- Мен сага телефон чалам, макулбу?

- Ооба, күтөм. - Экөө коштошкондон кийин Айдар машинесине отуруп, чымын куюн болуп өтүп жаткан унаалардын арасында кетип бараткан. Ошол кезде светофордо токтогон унааларды кыдырып, акча сураган кызды көрдү, "чоңоюп калыптыр", - деп койду оюнда. Бирок кызды бирөөгө окшоштуруп туруп алды. Жанына келип:

- Байке, нанга жардам бериңизчи?! - деген кызга төш чөнтөгүнөн он сом алып берди.

- Ата-энең барбы, кызым?

- Ооба, - деген кыз кийинки унаага жүгүрүп кеткенде аны ээрчий карап отуруп калган экен, сигналдардын бапылдагы эсине келтирди. Кечке ойлуу жүрүп, кечинде келсе кайненеси отуруптур.

- Келиңиз, апа, мал-жан эсенби? - деп Айдар шыпылдай учурашты.

- Кудайга шүгүр. - Апал жактырбагандай башын ары буруп кетти.

- Кана эми, айтчуңду айтпайсыңбы, мени менен жашагың келбей калдыбы? - Айпери бөйрөк таяна аны демитип турду.

- Ажырашам деген өзүң, эми эмне деп жатасың?

- Ооба, сенден тажадым, эрим эмес эле башка бирөөдөйсүң, ушинтип кантип жашамак элем?

- Анда балдар менен эч жакка жылбайсың, Айдар өзү чыгып кетсин, - деди Апал.

- Мен атам менен кетем! - деди Азирет. - Атамды эмнеге кубалайсыңар?

- Мен дагы калбайм, атам менен кетем! - Адилет дагы Айдарды колунан кармап алды. - Биз атамды жакшы көрөбүз.

- Апаңар менен калгыла, дегеле буларды кара, апаң силерсиз өлүп калбайбы?

- Өлбөйт, атамды өзү эле уруша берет, атам ага эчтеке деген да жок го, өзү кыйкыра берет, - деди Азирет.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, муну кара, силер балээни түшүнмөк белеңер. Азыр атаңар жакшы көрүнүп жатат, көрөм башка аял алып, экөөңдү ошого кул кылып бергенде мага качпаганыңарды.

- Эч качан качпайбыз, - деди Адилет эдиреңдей.

- Жогол, жоголгула азыр!

- Айпери, мындай кыялыңды койбосоң болбойт, апамды деле жөн убара кылыпсың, ушу кантип болсун? Өзүңдөн-өзүң кыйкырып, үйгө келсем эле айкыра бересиң, тынчыраак жашайбызбы деги? - деп Айперини карады Айдар.

- Жөндөн-жөн кыйкырып, жинди көрүнүп калган турбайбы, анда балдарды азгырбай ташта да, акылдуу аял алып кете бер! - деп Апал туурадан чыкты. Айдар кайненесин, ары аяш энесин бир карап алды да, оор дем алып, нааразы болгон үн менен:

- Апа-а, кой дегендин ордуна көкүтөсүзбү кызыңызды, бул бизге тынч жашоо бербей калды, түн ортосубу, күндүзбү туруп-туруп эле аңкылдап кирет. Менден башка болсо мунун оозун төөнөгүч менен төөнөгөндөй дудук кылып коймок, унчукпасымдан пайдаланып, оозуна келгенди оттой бергенден уялбайбы? - деди.

- Сен мени аялым деп эсептебейсиң, балдарың менен сүйлөшүп, менин бар экенимди да ойлобойсуң го?

- Ошол үчүн апамды убара кылганың туурабы?

- Кой, балам, ушул келгенимде силерди биротоло ажыраштырып кетейин деп келдим, минтип жүрсөңөр жашооңор деле болбойт. Балдар кимиңерде болсо да аман болсун, Айпери, алчуңду ал да, кетели, - деди Апал.

- Кетем, апа, мен биерде кала албайм, - деп Айпери кийимдерин жыйнап кирди, Айдар үн дебей сыртка чыгып кетти. Адилет менен Азирет кошо чыгып:

- Ата, апам эмнеге кетем деп жатат?

- Каякка барат, ата?

- Биз сени менен калабыз ээ, ата?

- Калабыз да, апам өзү кете берсин, - дешип экөө биринен сала бири атасынын костюмунун этегин тарткылап, сурай беришти.

- Ооба, балдарым, ал кеткиси келди, кетсе кетсин.

- Сен апамды кет деген жоксуң ээ, ата?

- Ыкы, апам өзү атамды кет дебедиби?

- Болду, балдарым, мен азыр келем, силер үйдө туруп тургула, - деген Айдар короосунан чыгып, эки жакты карап, өйдө көздөй басып жөнөдү. Ал жан дүйнөсү ооруп: "Акылы жок аял, балдар үчүн жашап жүргөнүмдү билбейт, кетсең кет, мага да, өзүңө да жеңил болоор, чыдай албадың", - деп ойлуу басып кете берди. Айпери болсо кийим-кечесин жыйнап, үй буюмдарын да бууп-түйүп, балдары менен күйөөсүн ойлобой үйдү жылаңачтады. Машина алып келип жүктөп жатканда Азиретке:

- Азирет, мени менен кетесиңерби? - деди.

- Кетпейбиз, - деди ал Адилеттин колун кармап.

- Кетпейбиз, өзүң кете бер! - деди Адилет тетири басып. Айдар кайра келгенде үйдүн ээн калганын көрүп, жүрөгү ооруду, жадагалса жатаар төшөнчү калбаптыр. Кайра эшикке чыгып, балдарын машинеге салды да, апасына жөнөдү. Алар келгенде түн кирип калган. Эч нерсе айтпай эки баланы апасына таштап, түндөп шаарга кайтты. Седеп болгон ишти неберелеринен угуп тим болду. Айдар мейманканага токтоп, ал түнү ошондо түнөдү. Эртеси өз жумушуна келип, кечке иштеди. Жумуштан кийин өзүнө келиш үчүн көчөгө чыкты, кафеге кирип тамактанды. Ошентип бир канча күн жалгыз болду. Айпериден кутулганына кубанганы менен алдыдагы жашоосу кандай болуп кетээрине көзү жетпей бир топ күн өзү менен өзү болуп жүрдү. Бир күнү анын оюна Бермет түшүп, ага телефон чалды. Бирок ал телефонун албагандан кийин аргасы кетип отуруп калды.

Ошол убакта Бермет менен Малика Венерага жолугууга кеткен эле. Алар келгенде Венера күтүп турган экен. Эки керилген татынакай бири-биринен өткөн сулуу келинди көрүп, оозуна сөз кирбей калды.

- Саламатсызбы, эже? - деп адегенде Бермет учурашты, салкын бак ичиндеги барда бирин-серин эл, Венера Маликаны бир карап жүрөгү болк этип алды.

- Саламатчылык, - деп көз айнегин оңдоп, экөөнө карап, - Отургула, кыздар, - деди орундукка кол жаңсай. - Силердин мага эмне иш менен жолуккуңар келгенин билгим келет, - деди өзү да отуруп жатып.

- Сиз кандай деп ойлодуңуз эле? - деди Бермет.

- Аа-а, менби, балким иш боюнча, балким окуудагы мүчүлүштөр боюнча кайрылган кыздар деп ойлогонум бар.

- Башка күткөнүңүз болгон эмеспи?

- Жок, кандай күткөнүм болуш керек эле? - дегенде Малика туруп басып кетти. Ал ыйлаган бойдон аялдамага келип, үйүнө кетчү унааны күтпөй эле таксиге отуруп, кетип калды.

- Сиз анда жеткен боору таш аял экенсиз, бир кезде төрөп таштап кеткен кызыңыз үчүн жүрөгүңүз оорубайбы? Номурду өзүңүз берип, кайра билмексен болгонуңуз кандай? - деп Бермет көзүнүн жашын куюлта тура калганда Венера делдейе аны карады.

- Телефонун, дарегин ташта, - деди акырын. Бермет сумкасынан бир кагаз алып чыгып, жаза койду да:

- Жүрөгүңүз жок таш экенсиз, Маликанын ооруп жүргөн жүрөгүн эки эселеп жараладыңыз, ал эми сиз менен сүйлөшөбү, жокпу… - деп Малика кеткен жакка жүгүрүп кетти. Венера отурган жеринде катып, молодой мостоюп отура берди, көз жашы төмөн куюлуп жатканын сезбей: "Мен ырас эле муз жүрөкмүн, мээримим жок. Жапарга көбүрөөк окшош экен. Эгерде менин жаңылыштыгымдан кызым бар экенин билсе Иса эмне дээр экен, ал кечирбейт, балдарымчы алар түк кабыл албайт", - деп ойлонуп отуруп, апасыныкына жөнөдү. Бул кезде Ибраим ооруп төшөктө болчу.

- Рахмат, апа, мени бактылуу болсун деп Исага бердиңер, ошондо менин жүрөгүмдүн жаралуу экенин оюңарга да алган эмессиңер. Эми менин ошондогу жарамдын карты сыйрылып, күнүнө жүз ирет канап, бир кездеги жаңылыштыгымдын күнөөсүн тирүүлөй тартып отурам. А силер абройлуу күйөө бала күтүп, мени бактылуу деп ойлойсуңар! - деди апасын көрүп эле.

- Өткөн иштин эмнесин козгодуң, ай мончоктой балдар-кыздарың турат. Андан көрө айтчы, ал кызга жолуктуңбу?

- Жолукканда эмне дейм, айтчу сөзүм барбы?

- Энеси экениңди айт.

- Сага оңой, мен үчүн кыйын, апа-а, жадагалса балаңардын өз эрки менен жашоосун да каалаган эмессиңер. Ал кыз мени кабыл алганда Исага, уул-кызыма эмне деп айтам, ошону ойлодуңбу?

- Азыр үйүңө бар, эртең мен сага барам, экөөбүз жолугалы ага.

- Эмне деп? - Венера апасын жек көрө карады. - Кызымдын боюна болуп калганын билип алдырууга болбой калганда төрөтканага мен таштаткам дейсиңби?

- Кандай болсо да өзүм табыштырам.

- Исагачы?

- Исага билгизбейбиз, мен сиңдимдин кызы деп койом.

- Кызыксың, апа, Маликага эмне сенин энең менин сиңдим эле дейсиңби? Ага бир тууган, арка-жөлөк керек азыр, жападан жалгыз жашайт экен, эч кимиси жок, акыры эне болгондон кийин ачык айтышым керек го?

- Азыр бара берчи, мен ойлоноюн, - деп Зымырат да жооп табалбай үйүнө киргенче шашты. Бир кездеги каталыгы аны кызынын жүзүн тике кароодон тайсалдатып турган, Венера үйгө кирбей артка кайтты.

Малика үйүнө келип, диванга үстөмөнүнөн түшүп, боздоп ыйлап жатканда Бермет кирди. Ал курбусуна боору ооруп эчтеке дей албай жанына отурду, үн дебеди. "Байкушум десе, тагдырың өтө татаал экен, эми сени кантип жубатам, жакшы сөздү кайдан табам, өзү көрүп-билип турса не дейм буга?" - деп унчукпай көпкө отурду.

- Малика, туулган күнгө камынабызбы? - деди акыры.

- Ооба, - деди Малика жүзүн жапкан бойдон.

- Мен даярдай берейин анда.

- Мен да турам азыр, - деп өйдө болуп ваннага кирип, жуунуп чыкты. Экөө тең сүйлөгөндөн тартынып өз иштерин жасап жатышты. Өктөмдүн туулган күнү, ал бүгүн тогузга толуп онго кадам коймок. Үстөл үстүн даярдап, ортосуна роза гүлүн коюп, анан Малика жаркылдап күлө Берметти карап койду. Бермет анын жанына келип, эки бетинен өптү да:

- Кызыңдын туулган күнү менен куттуктайм, эмки жылы дал ушул кезде жаныбызда болушун тилейли, курбум! - деди.

- Рахмат. Ылайым эле ошондой болсо кана, күтүүнүн, саргая санаа тартуунун чеги болоор бекен? Кичинекейимдин кандай кыз болуп калганын көрсөм арманым арылаар беле. Кел эми, Өктөмүм үчүн шампандан алып койолу! - деп рюмкаларга куюлган шампанды кагыштыра алып ийишти.

- Малика, сен кызыңды эми кантип тааныйсың, көрсөң да тааныбай калсаңчы? - деди Бермет абай сүйлөп.

- Ошону мен дагы көп ойлойм, элестет эки айлык ымыркай болчу да, мен сенин кызыңмын деп өзү келе коймокпу. Багып алгандар анын атын да өзгөртүп алгандыр, - деди Малика ойлуу, ошол кезде бир нерсени эстеп кетти. Анан жаш баладай жадырай, - Ии-й таптым, анын оң кашынын учунда калы бар болчу, жок, кал эмес мең болчу! - деп кубанычтуу карады.

- Чоң беле?

- Кичинекей болчу, бирок капкара тегерек эле…

- Ошону байкаш керек экен да.

- Ооба, чоңойгондо балким меңи да чоңойгондур?

- Ким билет, кел, гезитке жарыя беребиз.

- Эмне деп? - Малика көзүн алайта карады.

- Жоголгонун, эгерде кимдир бирөө багып алса кайтарып берүүсүн өтүнөбүз.

- Макул, ошондо табылаар бекен?

- Көргөндөр болсо айтаар, телефонуңду берип койобуз.

- Макул, ошентип көрөлү, балким табылып калаар, - деп ойлуу отуруп калды Малика. Эртеси башка иштери менен алектенип, аны унутуп да калышты. Кечке съемкада болуп кеч келишти. Кечинде Малика камокко чыгып кеткенде телефон чыр эткенинен Бермет ала койсо Айдар экен.

- Алло, Бермет, кандайсың?

- Жакшы, беймаал убакта неге чалдың?

- Бермет, мен сага жолугушум керек.

- Эмнеге?

- Мен бир кызды көрдүм. Жолдо кайыр садага сурап жүрөт.

- Эмне, ошол деп ойлойсуңбу?

- Мени уксаң, Бермет, мен аны көптөн бери көрүп, кимге окшоштурганымды билбей жүргөм, эми эстедим.

- Кимге окшош экен?

- Маликага куюп койгондой окшош.

- Койчу?

- Ырас айтам.

- Эртең сен дал ошол кыздын жанында туруп чал, мен барам.

- Макул, сүйлөштүк анда.

- Күт, - деди да, трубканы койору менен Малика кирди.

- Ким экен?

- Жаңылыш чалып алган бирөө, эмне кечиктиң?

- Ой, өлүп кетсин, баягы Дубан деген баланы билесиң го?

- Ийи.

- Ошол жолугуп, сени сүйөм, сен карабайсың, тоотпойсуң деп, көпкө кармады.

- Эмне дедиң анан?

- Жүрөгүм бош эмес дедим.

- Качантан бери бош эмес, Малика, Дубан аябагандай жакшы жигит, билишимче бир аял алып кетирген болуу керек.

- Жакшы болгондо кимге…

- Малика, сен өзүңдү дагы ойлошуң керек го?

- Жо-ок, Бермет, менин жүрөгүмдө орун жок башкага, аны өмүр бою издейм, акыры жолугуп чындыкты угуп, анан ошондо жаңы турмуш курууну ойлоноормун.

- Качан жолугаарыңды кудай билет, а балким жолукпай өтүп кетсеңчи? - Бермет сынай карады.

- Жолугам, мен анын жолугаарына ишенем, - деп ойлуу Айдардын акыркы жолуккандагы сөзүн эстеп алды. - Ал келет, Бермет, жүрөгүм сезип турат, балким жакын эле жүргөндүрбүз…

- Кел, жомоктогудай элестете бербей тамактаналы.

- Ичсе ичели, курбум, эртең иш көп ээ, жатып эс алыш керек.

- Мен кечирээк барам, жумушум бар.

- Кандай жумуш? Экөөбүздүн ортобузда жашыруун сыр болбош керек эле…

- Кечир, курбум, таежем шаарга келип, Дордойго алып барсын деп жатыптыр.

- Ким айтты?

- Кечээ апам жумушка чалып айткан.

- Мага айткан жок элең го?

- Деги мынча неге териштирип калдың?

- Кечир, барсаң барып кел, кой, менин уйкум келди, - деп Малика уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти. Бермет: "Бекер кылдым окшойт, Айдар менен жолугуп жүргөнүмдү билсе мындан да жаман таарынат го", - деген ойдо артынан кирип, жатып калды.

- Малика, мен сени таарынтып алсам кечир, айтпай калыпмын, анын үстүнө өзүң көрдүң ишибиз көп, унутуп калыптырмын.

- Эмнеге, Бермет, ашыкча сурай бергенимди сезип уялып кеттим, кечирип койчу ээ? - деп жадырай карады Малика. - Мен өтө эле өзүмчүл окшойм, - деп мойнун созуп келип, Берметти өөп койду. - Таарынба, макулбу?

- Таарынбайм, сени таарынтып алдымбы деп корктум.

- Коркпой эле кой, мен сага таарынып эмне. - Экөө бири-бирин карап күлүп калышты, андан кийин көпкө сүйлөшүп жатышты.

- Малика, азыр жол-жолдо акча сурагандар көбөйүп кеткенине кандай карайсың?

- Беш кол бирдей эмес да, эгерде ата-энем жалгыз мен үчүн кам көрүп кетишпесе кандай абалда калат элем, курбум? Жашырынбай эле кызымды апама көтөрүп барганымда жоголбойт беле деп көп ойлончу болдум.

- Жаш балдар-кыздар жолдун тогошунда жүрөт, машинеге урунуп калса эмне болот десең?

- Асан кайгы болуп кеттиң го? - Малика күлүп койду.

- Көрсөң бооруң оорумак, мен дайыма бир кыз менен бир баланы көрөм.

- Кандай кыз?

- Он үч-он төрттөрдөгү кыз, бала кичирээк.

- Аларды ата-энеси карап турат чыгаар.

- Билбейм, ата-энеси балким жоктур…

- Ошондой болушу да мүмкүн. - Малика ушинтип көзүн жумуп жатты. Ал өзүнүн эч нерсеге алмашкыс өмүр бою издеп келе жаткан кызы Өктөм дагы ошентип күн көрүп жүргөнүн ойлогон жок. Бирок: "Менин кызым кандай абалда болду экен? Атайын алып кеткен соң аны эркелетип, жакшы багып жаткан чыгаар, мен жөнүндө үч уктаса оюна келбестир, мендей болуп төрөгөн энеси башка экенин сезбей, бактылуу ойноп өсүп жаткандыр", - деп ойлонуп жатып уктап кетти.

- Малика, уктадыңбы? - деген Берметтин сөзүн укпай түш көрүп жатты. Түшүндө ата-энеси дагы келди. "Кызым, биз айтканды аткарбадың, кызыңды изде, ал жаман абалда турат, жакында аны бир жаман ишке түрткөнү турат, сактап кал, ал сенин кызың", - деп кайра-кайра айтып жатып көрүнбөй калышты. Уйкудан көзүн ачса жарым саат боло элек экен уктаганына. Туруп барып суу ичип келип, ордуна жатып алды да: "Кайдан издесем болот, кантип табам? Кыжы-кыйма элди кыдырып чыгышым керектир. Жаман ишке түрткөнү турганы кандай? Кудай ай, ал үчүн машина болуш керек, же эч нерсем калбай калгыча такси менен издеп көрсөмбү?" - деп түнү бою уктай албай чыкты. Эртең менен ойгонгон Берметти көрүп:

- Бермет, съемка качан бүтөт болду экен? - деп сурады.

- Аз калды го.

- Анда ошондон кийин Өктөмдү издейличи.

- Макул, сен эрте чыга бер эми, мен жуунуп алып чыгам.

- Жарайт, бирок кечикпе ээ?

- Аларын алып бүтсө эле барам. - Экөө чай ичишти. Малика кийинип алып чыгып кеткенден кийин Бермет дагы даярданып, Айдардын телефон чалышын күтүп калды. Бир кезде чыр этти эле ала коюп:

- Угуп жатам, - деди.

- Бермет, келе калчы.

- Мына баратам, кайсы жерге, болуптур, азыр жетем, - деп шашылыш үйдөн чыкты. Жарым сааттай убакытта жетип келди. Айдар машинесин четке токтотуп коюп, өзү ары-бери басып, жолдо ар бир унаага жүгүрүп жүргөн кызды карап турган. Бермет жетип келгенде ага акырын:

- Тээтиги кызды жакшылап карап көрчү, - деди.

- Сен ошол кызды Маликага окшоштуруп жүрөсүңбү?

- Ооба, бирок ал эмес болушу да мүмкүн, карап көрсөң. - Айдар экөө эл өтүп жаткан жолдон ары өтүп, кайра бери өтүштү. Бермет кызды акырын чакырды эле ал жетип келди.

- Алла ыраазы болсун, нанга жардам берип коюңуздар!

- Ата-энең барбы, кызым? - деди Бермет беш сом сунуп жатып.

- Бар, атам оорукчан.

- Апаң эмне иш кылат?

- Үйдө, инимди карайт, - деп Өктөм экөөнөн алган акчасын пакетке салды да, жука көйнөгүн делбирете ары жүгүрдү.

- Кызым, атың ким? - деди Бермет, кашынын этегиндеги кичинекей кара чекитке окшогон калды көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, өзүнүн баласын тапкандай болуп кеткен эле.

- Өктөм! - деп жылмая карап койгондо ого бетер жүрөгү болк этип алды. "Ошол, ошол экен, кой, Маликаны ушул жерге алып келейин, табылды кызың, Малика", - деп толкундана Айдарга жетип келди.

- Сен аябай кубанып алгансың го, Бермет? - Айдар аны күлө карады. - Кызды окшоштурдуңбу?

- Айдар, эмне дээримди дагы билбей турам, окшош тургай Малика айткан белгиси да туура чыкты. Эмне кылыш керек, Айдар?

- Ыраспы, чын эле ошондой бекен?

- Өзү, жылмайып күлгөнү, бет түзүлүшү, кыймыл-аракети… - Бермет кыз жакты карап, эси оогондой туруп калды. - Аты Өктөм…

- Анда мындай кылалы, сен бара бер, менин звоногумду күт, мен кыздын үйүн акмалайын, көрүп алып, кечинде үйүнө чогуу баралы.

- Туура, мен бара берейин.

- Маликага эч нерсе айтпа.

- Макул, - Экөө коштошуп, Бермет кетти.

Айдар Бермет менен сүйлөшүп коштошуп болуп, жолду караса кыз жок, заматта таппай калды, жанында жүргөн бала дагы көрүнбөйт. Айласы түгөнүп үйүнө жөнөдү. "Эртең эрте келип турайын", - деген ойдо болду, анткени менен ошол кыз алгачкы махабатынан жаралган тун кызы болуп чыгаарына дале ишенбей турду. "Кандайча, ошол биздин кызыбыз болушу мүмкүнбү, Бермет жаңылдыбы, же Малика белгиси бар деп айтты бекен, атын Өктөм дедиби? Мен атын сурабаган экенмин, ушунчалык дагы сырдуу дүйнө болобу, кызымдын кайырчы болуп, бирөөнүн колунда өсүп жатканын билбей бейкапар жүргөн экем да", - деп кыжаалат болуп кетти. Үйүндө төшөнчү жок, кирип-чыгып жүрүп, анан ички бөлмөдөгү эски диванга жата кетти. Калгандан ушул жалгыз диван калыптыр. Ошол бойдон уктап кетти. Катуу уктаган экен, ойгонсо жерге жарык түшүп калыптыр. Шашылыш туруп жуунду да, ашканага кирсе, сыйпалагандай суу ичкенге идиш жок. Акырын үйдөн чыгып, ашканадан тамактанганы машинесин айдап чыкты. Жолдон тааныш караанды издеди, көрүнбөдү эле кафеге кирип, кардын кампайтып, кайра жолго чыкты. Бул кезде Зууракан Өктөмдү он бешке чыккыча күткүсү келбей тааныш келинге барып, он-он бирдеги кыз болсо деле жарай берээрин билип, өзүнүн көздөгөнүн аткарууну, тезирээк эле кочуштап акча кармоону ойлоп жаткан. Үйдөн чыгаарда Өктөмдү базарга чыгарып жатып:

- Бүгүн-эртең чыгып тур, анан сени башка жумушка киргизем, мындан да жакшыраак акча табасың, - деди.

- Чын элеби, апа, жолго акча сурап чыкпаймбы? - Өктөм кубанып кетти.

- Ооба, андан жакшыраак жумуш.

- Жакшы болду, иши кылса кайыр сурабасам болду.

- Жакшылап иште, эртең сени жасантып кийинтем дагы жаңы ишке орноштурам, - деди аял кытмыр жылмайып.

- Ооба, жакшы иштеп келем, апа, мындан ары көчөдөн акча сурабасам болду, - деп кубанган Өктөм жашоосунда өзгөрүү болорун сезгени менен кандай жумуш экенин ойлободу. Кийинки кездерде өзү абдан уялчу болгон, Зууракандын заар тилинен коркуп эле көп акча табууга жанталашчу. Нурлан экөө көнгөн жерине ашыга келип, унаалар жарыктан токтогон кезде жүгүрүп, акча сураганга киришти. Айдар келип, четке машинесин токтотту да, аны чакырып колуна жүз сом карматты:

- Рахмат сизге, алла ыраазы болсун, байке, - деп Өктөм ары басып кетээрде Айдар:

- Атың Өктөмбү? - деди.

- Ооба, - деп кыз күлүмсүрөй көздөрүн жайната карап калганда Айдардын жүрөгү зырп этип алды. "Маликанын эле өзү тура", - деп ойлогуча Өктөм узап кетти. Башка унаалардан кайыр сурап жүргөнүн карап туруп, Айдардын ичи ачышты. Башын мыкчып машинесине отурду, көпкө ойлонду. Өктөмдү жетелеп кетип калгысы келди, бир туруп Маликага барып: "Мына, экөөбүздүн сүйүүбүздүн үрөнү, минтип жол-жолдо акча сурап жүрөт, ушул туурабы?" - деп өпкөлөгүсү келди. Бирок ал үчүн өзү да күнөөлүү экенин билди, ошондуктан антип айтууга акысы жок экенин түшүндү. Кечке кыздан көз албай ары-бери басып жүрө берди. Кечке маал Өктөмдү өзүнө дагы чакырып алды:

- Кетесиңби, Өктөм?

- Ооба.

- Өзүңбү же дагы бирөө барбы?

- Иним кетип калды, мен өзүм элемин.

- Жүр, кеттик анда.

- Каякка, байке?

- Сени жеткирип, анан өзүм ары кетем.

- Макул.

- Кеттик анда, - деп Айдар машинесинин эшигин ачып, - отуруңуз, - деп күлдү.

- Уялтасыз го, байке, мен маршрутка менен эле кетейинчи.

- Жок-жок, өзүм алпарып койом, - деген бойдон Айдар дароо эле айдап жөнөдү. - Өктөм, канча бир туугансыңар?

- Эки эркек, эки кыз.

- Сен канчанчысың?

- Экинчиси, эжем, анан эки иним бар.

- Баарыңар кайыр сурайсыңарбы?

- Жок, эжем менден беш жашка улуу, инилерим кичүү, бири алты эле жашта, Нурлан кээде чыгат, мен эле чыгам көбүнчө.

- Канчада окуйсуң?

- Мм.., мен окубайм.

- Эмнеге?

- Шартыбыз жок.

- Эжең окуганбы?

- Ал да окуган жок, Нурланды окутуп жатабыз.

- Өкүнүчтүү.

- Акча санаганды билем, - деди Өктөм күнөөлүүдөй жер карап. - Окуганда деле баары базарда иштешет го, акча санаганды билсем болду…

- Баары бир билим алышың керек.

- Апам окуткусу келбейт.

- Эмне үчүн?

- Анын оюнча бирөө акча таап туруш керек экен.

- Кызык экен.

- Ошол үчүн мени окуткан жок, байке, биздин үй тээтигил, мен ушул жерден түшүп калайын, эгер апам көрсө урушат.

- Жөн эле уруша береби?

- Ал мага ишенбейт, таксиге акча коротпой маршрутка менен келгин, акчанын бир сомун жоготпо дейт дайыма.

- Кыз-зык, - деп ойлуу отуруп калганда Өктөм:

- Рахмат, байке - деп жарк эте күлүп койду.

- Жакшы тур, кызым, а-аа баса, апаңдын аты ким?

- Зууракан.

- Жакшы, бара гой, - деп өйдө карай айдап барып, кайра бурду, анан Өктөм кетип жаткан тарапты карап, жолуна түштү. Телефон автоматтан Берметке чалды.

- Алло, Бермет, угуп жатасыңбы?

- Угуп жатам.

- Анда Маликадан сура, кыздын апасынын атын билет бекен?

- Макул, ким сурап жатат дейин, болуптур сиз мен дайындаган адамсызбы? Макул-макул, сурайын, - деп Бермет Маликага кайрылды. - Малика, кызың уурдалаарда сен тапшырган кыздын апасынын атын эстей аласыңбы?

- Кантип унутам, Бермет, анын аты Зууракан, тез айт, ошол бекен? - Малика Берметтин жанына келди.

- Ага, аты Зууракан дейт.

- Азамат, анда кызыбызды таптык!

- Ыраспы, ошол бекен? - дегенде Малика:

- Эмне деди, Өктөм табылдыбы, оо кудай, чын эле кызымды көрөмбү? - деп жиберди.

- Азыр, мен толук угайын, - деген Бермет Маликаны тынчтандыра трубканы тыңшады. - Айта бериңиз, үйүн көрдүңүзбү, даана ошол бекен?

- Дал өзү. Эртең чогуу үйүнө барабыз, ата-энесине белек-бечкекти мен алам, силер мени бүгүнкү жерден күткүлө!

- Жарайт.

- Бермет, сен Маликага ачык айтып түшүндүрүп кой, макулбу?

- Аракет кылып көрөйүн.

- Болуптур күтөм, - деп Айдар трубканы койду. Бермет Маликаны карады:

- Малика, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, мен сенден бир нерсени жашырып жүргөм, чынында мен өзүм колумдан келбесин билип бир адамды жумшагам, ал адамдын ушул ишке катышы бар! - деди күнөөлүүдөй.

- Айта бер, Бермет, кыскасы менин кызым табылса болду, деги ал ким, Бермет?

- Малика, сен мени жаман көрөөрсүң, жек көрөөрсүң, бирок баары бир мен сага айта албадым.

- Бермет, эч нерседен кабатыр болбочу, ким болсо да баары бир эмеспи, Өктөмүм, кичинекей берекем табылса болду эле…

- Малика, бул иштин ал кишиге да катышы бар.

- Кандайча?

- Түздөн-түз катышы бар!

- Ал ким, Бермет?

- Айдар!

- Эмне дедиң, Айдар, качантан бери?

- Бир топ болду, сага айтууга даай албадым, үч ай болду, ага айтып Өктөмдү издетип жаткам.

- Оо кудай ай, Айдар менин алсыздыгымды, чырымтал наристемди бага албай алдырып ийгенимди угуп, боору ооруган экен го. Балким табалап жүргөндүр, мендей акылсызды жини келип каргап жаткандыр, эмне кылдың, Бермет? - Малика ыйлап жатты. Бермет аны карыдан ала өзүнө тартып бооруна кысты.

- Малика, алтыным, сени Айдар табаламак тургай карааныңа зар болуп, бир көрүүгө ашыгып жүрөт, мен аны токтотуп койгом. Өктөмдү издегенге ал эркек эмеспи, эгерде башка бирөөлөр угуп калышса жаңыдан чыгып келе жаткан атыңды дароо булгап, ар бир баскан изиң жарыя болсо, сага жакшыбы?

- Мейли, кандай болсо да кызымды көрсөм болду, боорума кысып, жытын искеп, көпөлөгүмө эне мээримимди төгүп жанында болсом кана?

- Алыс эмес, таң атса түш көргөндөй гана баары унутулат, кызыңды өзүң ээрчитип, бактыга тунасың, Малика. Ал гана эмес бир өмүр бою сүйүп өтөм деген адамың да жаныңда болот.

- Бермет, мен Айдарга кандай жолугам, ага деген сагынычым таарынычымды жеңип баратат! - деп Малика солкулдап ыйлай берди.

- Кой, курбум, адам деген кубанычка да, кайгыга да даяр болушу керек, токтоо бол. Азыр сенин алдыңда кош кубаныч, кош бакыт күтүп турат, - деп Бермет Маликаны күлө карады. - Кандай гана бактылуусуң, курбум!

- Баарынан мурун кызымды тапсам болду, эми жаталы ээ, эртең эрте баралы, - деген боюнча экөө жатып калышты. Бермет ага Өктөмдүн кайыр сурап жүргөнүн айтпады, ого бетер жүрөгүн ооруткусу келбеди, жай гана сүйлөшүп жатып, бир топто укташты. Эртеси Айдар эрте туруп Дордойго барды да, кийим-кече алып даярданып, саат тогуздарда Өктөмдүн жашаган үйүн акмалап турду. Бир кезде Зууракан Өктөмгө үстү ачык кийимдерди кийгизип алып, үйдөн чыкты. Айдар Өктөмдүн жанындагы толмоч аялды Зууракан деген ушу тура деп божомолдой, эмне болоор экен деп эси ооп карап калды. Ошол убакта бери жактан бир жеңил машина бурулуп келип, алардын алдынан чыгып, экөөнү салып алып кетип жатканда Айдар ошол машиненин артынан түштү. Ал машина циркке жетип, бир короого бурулду. Аларды күзөтүп артынан келаткан Айдар: "Мен Өктөм эмес эле башканы ээрчип алсам керек, Өктөм эмес эжеси окшойт. Ал ишине чыгып кеткендир, Берметтер келип күтүп жаткан чыгаар. Бир аз чыдап даана көрүп алайын", - деп ойлоду. Машине токтогондо абайлап караса, "Сауна" деген жазуусу бар имарат бар экен. Айдар таңыркап карап турганда жанагы жоон-жолпу аял Өктөмдү машинеден түшүрүп, түрткүлөп саунага алып кирип кетти. Өктөмдүн ыйлап алганын Айдар алыстан байкады. Чыдай албай ал дагы түшүп, эч нерсе билгизбей шашыла кирип барды. Аны саунага келген адамдардай көрүп Зууракан:

- Жакшы товар бар, иним, жаш кыз, энеси өбө элек, - деп Айдарды колтуктай калганда ачык кийиминен уялып турган Өктөм:

- Апа, мени эмнеге антип жатасыз? - деп ыйлап ийди.

- Канча сурайсыз? - Айдар Өктөмгө угузбай Зуураканга шыбырады. Зууракан аны колтуктай ары басып:

- Эч нааразы болбойсуң, иним, жашы он төрттө, бир саатка беш миң сом, - деп шыпылдады.

- Өзүңүздүн кызыңызбы? Он төрттөгүдөй көрүнбөйт го?

- Жок, жетим кыз, ата-энеси жок.

- Кайдан алдыңыз эле?

- Ой, эки айында энеси ооруп калып, таштап кеткен. Кайрылып келбеди, анан бакканымдын эмгегин акташ керек да.

- Беш миң берем, кайра кайда алып барайын?

- Ушул жерге, эки сааттан кийин дагы иштейт да?

- Иштетип жүрдүңүз беле?

- Биринчи жолу алып чыктым, акактай таза кыз. Анын сага эмне кереги бар, алсаң ал, албасаң башкага сатам, - деп Зууракан ары бурулганда Айдар:

- Эже, келиңиз, - деди да, беш миң сомду аялдын колуна карматып, Өктөмгө карады. - Жүрү кеттик.

- Бол, ай кыз, эмне турасың, сени мен өмүр бою багып жүрө бермек белем, сени баккан эмгегимди төлөшүң керек! - деп жанына жетип, карысынан чымчып ойо алды. Өктөмдүн көзүнүн жашы куюлуп:

- Апа, апакебай, мени сатпачы, мен жөн эле акча табам, апа?! - деп тырышканда Айдар акырын өзүн көздөй басты. Ал жеткиче Зууракан:

- Өлтүрүп койо электе барып кел, өлтүрүп койом! - деп булкуп Айдарга түртүп жиберди. Айдар кызды тосуп алып, Зуураканга байкатпай көзүн кысты.

- Жүрө гой, кызым, - деп колунан алганда Өктөм аргасыз ээрчип жөнөдү. Машинесине ээрчишип келип, отуруп, эми айдап жөнөөрдө Зууракан артынан жете келди.

- Саунага кирбейсиңерби, бул жер ыңгайлуураак, - деди кызды колунан чыгарып ийээрин билгендей чыйпылыктай.

- Жок, бир сааттан кийин үйүңүздө болобуз, күтүңүз бизди, - деп Айдар дароо айдап кетти. Бир аз узаганда жолдон буруу токтотуп, - Сен бул кийимдерди кийип ал, алдагы кийимиңди ыргытып сал, Өктөм, - деди.

- Макул, - деп Өктөм көз жашын аарчый эшиктерин жаап алып, кийимин чечип, жаңы кымбат баалуу кийимдерди кийгенге эргий түштү. Качан гана Өктөм эшикти ачып, берки кийимдерди ыргытканда Айдар басып келип, рулга отурду. Өктөмдү жылмая карап:

- Өктөм, кийим жактыбы? - деп сурады.

- Ооба, рахмат сизге, - деди кыз уяла жер карап.

- Сени өзүм кыз кылып алсам барасыңбы?

- Апам таап алса өлтүрөт…

- Таппайт.

- Билбейм, корком андан.

- Коркпо, азыр бир эжелериңе жолугабыз, кафеге барабыз ээ, кардың ачтыбы?

- Жок.

- Уялба, Өктөм, ал аял мага жаккан жок, сага дайыма сени ата-энең таштап кеткен деп айта береби?

- Кээде…

- Сен ошону башынан эле билесиңби?

- Ооба.

- Мына жеттик, - деп Өктөм өзү иштеген эки көчөнүн кесилишине келип, машинесин четке токтотту. - Сен отуруп тур, мен эки эжеңди ээрчитип келейин ээ?

- Макул.

- Эч жакка кетпе, Өктөм, - деген Айдар жолдун аркы бетиндеги тынчсыздана күтүп турган Бермет менен Маликага жетти. Учурашкан соң Айдар менен Малика бири-бирин тиктешип туруп калганда Бермет:

- Ой, тиктешкенди коюп, кыз кана? - деди экөөнү алаксыта.

- Машинада, жүргүлө тигил өйүзгө, - деди Айдар ошондо гана эсине келип. Маликанын бүткөн бою чымырап, муундары калтырап араң баратты. Айдар менен мындай учурда жолугушууну ойлобогон, анын үстүнө кызын таап келип, эки кубаныч аны делдиретип койду. Алар келип, арткы салондо отурган Өктөмдү карап, эмне дээрин билбей туруп калганда Айдар: - Бул сулуу кыздын аты Өктөм, азыр отургула, кафеден чай ичкенче таанышасыңар, - дегенде Бермет алдыга отурду. Малика Өктөмдүн жанына отургандан кийин жолго түшүштү. Жарым сааттан кийин Бишкектин чок ортосундагы дунган ашканасына киришти. Төртөө орун алышкан соң Айдар тамак-аш заказ кылды, анан ыңгайсыздана Маликаны карады:

- Малика, ал-акыбал кандай?

- Жакшы-ы…

- Ден-соолуктар жакшы элеби?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Дурус, эптеп жүрөбүз…

- Өктөм, кызым, тамактан алып отур, - деп Малика тамак алдыга келгенде мээримдүү жылмая кызга кайрылды.

- Ичип жатам, эже, - дегенде Маликанын ичи сыйрыла түштү.

- Тартынбай ич, кызым. Малика эми кайда барабыз? Өктөмдү мен үйгө алып кете берейин, - деген Айдар көзү менен ымдай Маликаны эшикке карай чакырды. Экөө кафенин сыртына чыгып сүйлөшүп турушту. Бири-бирине ашыкча сөз айтуудан жазгана Малика сөз баштады.

- Айдар, биздин үйгө алып кетсем болобу? - деди үнү дирилдей.

- Малика, - деген Айдар ага баарын ачык айталбай туруп, акыры болгонун болгондой айтып келди да, - Эртең эртерээк Өктөмдү үйүнө алып барып, багып алгандарга ачык айтып, мээнетин берип, нааразы болбогондой кылып, кызды ажыратып алалы, - деди.

- Кудай сактаган экен, эми колумдан чыгарбай калайын, - деп Малика ыйлап ийе жаздады.

- Ал аял менимче Өктөмдү акча табуу үчүн гана уурдаган, ушул кезге чейин жайы-кышы кайыр суратып жүрүптүр…

- Кудай гана бардыр, ошол аялды көрсөм көргүлүктү көрсөтүп, сотко берсемби, Айдар?!

- Жо-ок, Малика, эгерде жанагыдай болуп кеткенде сөзсүз жоопко тартат элек, эми алмончоктой болуп колубузга тийгенде тим койолу. Мен милициянын лейтенанты досум Аликти ээрчитип аламын, өзү эле коркот, - деди Айдар көңүлүн жайгара.

- Айдар, сага чоң рахмат, сени жоготуп, сенден көңүлүм ооруп жүрөгүм сыздап жүргөндө кызымды жоготуу мага кандай гана оор болгонун билсең…

- Кечир, Малика, мен атамдын өлөөр алдындагы акыркы сөзүнөн чыга албай калдым, эски кишилер бири-бирине сөз берип кол алышып коюптур, менин айтканымды укпай туруп алды, - деп Айдар Маликаны карыдан ала өзүнө каратып жүзүнө тике карады. - Малика, атанын каргышы ок дегенди уктуң беле, жалгыз баламын, атанын кебин укпай коюуга болбоду. Мени кечире албасыңды билип турам, бирок Өктөмгө унчукпай эле койолу ээ?

- Макул, Айдар, сени унута албай канча түндөрүм уйкусуз көз жаш менен өттү, андан кийин кызым…

- Кечир…

- Айтчы, Айдар, канча балалуу болдуң?

- Эки уулум азыр апамда, өзүм болсо ээн тамда жалгызмын. Сенин элесиң көз алдыман кетпей аялымды жакшылап күтө албадым окшойт, баарын көчүрүп кетип калгам, азыр ээн тамда жашап жатам.

- Жаман болуптур, балдарың үчүн жашашың керек эле…

- Менин жан дүйнөм аны кабыл ала албады, Малика.

- Канча жыл өттү, кызым жакында онго толду.

- Түшүнүп турам, кой эми, Өктөм бир нерседен арам ойлоп калбасын, ансыз дагы коркуп турат.

- Мейли, азыр чогуу эле биздикине баралы, анан Өктөмдүн көңүлүн ачып, акырындап айтып түшүндүрөлү.

- Жүрү, - деп экөө ээрчише киргенде Бермет аларга күлүп:

- Ой силер эмне жоголдуңар? - деди.

- Азыр кеч болуп калды, Өктөмдү базарга ээрчитип барып, кийим-кече алып берсекпи дедик эле.

- Жок, эже, мен үйгө барбасам апам урушат, - деди Өктөм кабак чытый.

- Урушпайт, эртең сени чогуу алып барып, ажыратып алабыз, Өктөм, мендей апалуу болгуң келеби, кызым? - деди Малика кызга жакындап.

- Билбейм, апам бербейт го?

- Эмнеге?

- Мен болбосом алар акча таппай калышат да, атамдын дагы дарысына акча көп керек болот.

- Берет, кана, үйгө кетели, - деди Малика чечкиндүү. Төртөө кафеден чыгып машинеге отурушту. Бул жолу Айдардын жанына Малика отурду эле Бермет: "Булар тез эле тил табышып алган экен, кызынын көңүлүн экөөлөп табышса эле болду эми", - деп ойлоп, Өктөмдүн жанына отурду. Тез эле эки кабаттуу имараттын алдына келип токтошкондон кийин Малика алдыга кирип, эшигин ачты да, үйгө карай колун жаңсады. Бермет экөө үстөл үстүн жасап, атайын жакшы көргөн гүлдөн ортого коюп коюшкан болчу. Алар жайланышкандан кийин Бермет ашканага кирип, тамак жасаганга киришти. Малика Өктөмдүн эки айындагы кийимдерин катып жүргөн, алып чыгып, көзүнүн жашын көлдөтө жакын келгенде:

- Эже, сизге эмне болду? - деп Өктөм тура калды.

- Кызым, бул сенин апаң, Зууракан атайын сени алып качып батир которуп кетпегенде сен апаң менен болмоксуң, - деди кирип келген Бермет. - Сени таппай калып, канча жолу издеди, күндө ыйлап-сыктап кызымды көргөзө гөр деп кудайдан тилеген тилеги ордунан чыгып, бүгүн кубанычтан жүрөгү жарылганы турат, туурабы, Малика? - дегенде Малика сүйлөөгө алы келбей башын ийкеди.

- Кызым, эжең туура айтат, сен экениңди билбей канча жолу артыңдан иликтедим, менин жолукканым эсиңдеби? - деп Айдар дагы сөзгө аралашты.

- Билем, эмнеге ошондо ачык айтпадыңыз?

- Башка болуп калабы деп аныктаганча артыңдан жүрбөдүмбү, кызым.

- Мен канча азап тарттым, кичинемден эле Зууракан апам сен таштандысың, сени баккан мээнетимди ушинтип акташың керек, деп урушуп калчу. Эгерде апам же атам болсо кетип калат элем деп канча ыйладым, - деп көз жашын төгө буркурап ийгенде Малика жетип кучактап калды.

- Көпөлөгүм, кичинекейим менин, сени көрөөр күнүм бар экен, кудайга миң мертебе ыраазымын! - деп солкулдап ыйлап да, Өктөмдү койо бербей өпкүлөп да жатып, өзүн жоготуп койду. Айдар менен Бермет аны көтөрүп, диванга жаткырышты, бетине суу сээп эс алдырышты:

- Малика, көзүңдү аччы, өзүңдү кармачы, Малика.

- Малика, ач көзүңдү, коркутпачы, мына Өктөм сенин жаныңда турат, кубанычка да ушинтет бекен?

- Апа, апакебай!!! - деди ошондо Өктөм эңкейе. - Мени кечириңизчи, мен сиздин ооруганыңызды билбей калдым.

- Коркпо, кызым, мен өлбөйм, сен мени апа дедиңби? - деди Малика алсыз. - Жүрөгүм, жүрөгүм кубанычты көтөрө албай кетти го?

- Тынчтан, Малика, өзүңдү этият кыл, минткениң болбойт, бизди коркутуп ийдиң, - деп жылмая караган Айдар колдорун ушалап жанында отурду.

- Он жыл, кызымдын эмне күндү көрүп өскөнүн билбей жашап жүрдүм ээ, баласы жок бирөө уурдап кетип, жакшы багып жатса мага бербейт го деп жүрбөдүмбү…

- Болду, баары артта калды, Зууракан сени көрсө эси ооп, сүйлөй албай калат чыгаар. Тынч эс ал, эртең Өктөмдү багып өстүргөнү үчүн ырымын жасап, башын ачып, закондуу түрдө күбөлүктү алып, анан тойлойбуз, чоң энесине алып барабыз, - деди Айдар түз эле.

- Адегенде башын ажыратып алалы.

- Малика, Өктөмдүн төрөлгөндөгү справкасы барбы?

- Бар, анын төрөлгөн тууралуу күбөлүгү да бар, Айдар.

- Кана көрсөм болобу? - деди Өктөм күлмүңдөй карап, аны үчөө тең кубана карап калышты, анткени ал ушул кезде Өктөм Маликанын эле көчүрмөсүндөй болуп көрүндү…

Эртеси үчөө-төртөө болуп машинеге отурушуп Свердлов райондук участкалык бөлүмгө келип, Аликти алышты. Анан Зууракандыкына жөнөштү, үйдөн алысыраак токтоп, адегенде Айдар өзү Өктөмдү ээрчитип кирип барды. Турдубек менен Зууракан Өктөмдүн кийимин көрүп делдейип туруп калышты.

- Сен каякка кетип калдың? - деди өзүнөн айынча кичүү Нурлан кыздын жанына келип. - Иштеп келдиңби?

- Жөн тур, - деп Зууракан баласын урушуп койду да, Өктөмдү акшыя карады. - Жалдырабай кир ичке!

- Ал кирбейт, мени менен кетет, - деди Айдар.

- Эмне, сенин алып койгон аялың беле, бир түнгө алып кетип, анан мени менен кетет дегенин кара!

- Оозуңузга карап сүйлөңүз, бул менин кызым!

- Эмнээ-э?! - Зууракандын оозунан сөзү түшүп калды, сүйлөй албай туруп калганда босогодон Малика көрүндү. Зууракандын жүзү дароо өзгөрүлө кызарып-татарып, тилин жутуп алгансып, башын чайкай көзүн ала качып, артка кетенчиктеди…

- Кандайсыз, эже, кездешчү күн болот экен го? - деди Малика.

- Мен сени тааныбайм, балаңарды жоготуп жаңылыш издеп жүрсөңөр жолуңар менен болгула, менин кызымда ишиңер болбосун! - деди бир аз өзүн токтото калып.

- Уят эмеспи, эже, акча табыш үчүн бирөөнүн баласын уурдап, азап менен чоңойтконуңуз уят го, мен кызым үчүн кандай гана азап чекпедим? - деп Малика ыйлап кирди. - Менин кызымды кайрып бериңиз суранам?!

- Ой келин, бул менин өзүмдүн кызым, - деген Зууракан Өктөмгө жакындады. - Кызым, кирип кетчи бөлмөңө, бузукулардын тилине кирбе, сен өзүмдүн эле кызымсың, - деп жанталаша кармаганда Өктөм андан боюн ала качып:

- Апа, канчалык жалдырап ыйласам да таштанды деп кандай урчу элең, эми өзүмдүн кызым деп кантип айтып жатасыз? - деди.

- Өз кызыңызды саунага сатып күн көрмөксүзбү? - деди Айдар. - Алик, кел мында өзүм күбө болгон айыпкерди карма! - дегенде милиция формачан Алик кирип келди.

- Кана, кандай кылмыш?

- Биринчиси, бул кызды эки айлык кезинде алып качып кеткен, экинчиси кечээ жашы жете элек кызды саунага алып барып, беш миң сомго саткан!

- Калп!

- Мен берген беш миң сом калппы? - деп Айдар ачуулана айтканда Турдубек тура калды:

- Балдар, кечирип койгула, туура, Өктөм биздин кыз эмес, бирок аны сатканы алып кеткенин мен билбейт экенмин.

- Жооп бересиз, бөлүмгө жүрүңүз, - деди Алик Зууракандын колуна кишенди салмак болуп.

- Кечирип койгула, айланайындар, менден күнөө кетти, мейли ата-энеси болсо алып кетсин, ымыркайынан бактым эле, - деп ыйлай баштады Зууракан.

- Айдар, кызымдын табылганына шүгүр, бул уялбаса мен уялдым, Өктөм колума тийди, болду кетелик, - деди Малика жай.

- Азыр тим койсо дагы бирөөнүн шорун кайнатып, дагы бала уурдап акча табат да бул, жок дегенде эки жыл камап эсине келтириш керек. Сенин жумшактыгыңды байкап көрүп, анан кызыңды ала качкан да, боор оорусаң боорго тебет мындайлар! - деп Алик болбой эле Зууракандын колуна кишен салып эшикке чыгарып баратканда Турдубек жалдырап ийди. Эки баласы да чырылдап ийгенде Өктөм:

- Байке, тим эле коюңузчу, мага кылган жакшылыгы өлтүрбөй чоңойткону, атам мени жакшы көрчү, жаман айткан жок, суранам, байке, - деп Маликаны, Айдарды, Аликти карап жалдырап өтүндү. - Мен ушул үйдө өстүм, инилерим, эжем менен атам мага эч жамандык кылган жок, мен үчүн апамды койо бериңизчи, - деди. Ошондо Малика:

- Атаңды өлтүргөнгө энең бер алып бер деген эмеспи, менин кызым колума аман тийди болду. Койо берип кой, бирок дело ачылсын, көзөмөлдө болсун, ушуну гана өтүнөм, - деп Өктөмдү ийинден ала эшикти көздөй чыга жөнөдү. Алик Зуураканды койо берип:

- Мындан ары көзөмөлдө болосуң? - деди да, үйүнүн дарегин, аты-жөнүн толук жазып алып, тигилердин артынан чыкты. - Бекер кылдыңар, баланы уурдоонун өзү эле чоң кылмыш, каматыш керек болчу, - деди жете келип.

- Мейли, менин тарткан азабымды, кызыма көрсөткөн тозогун кудай өзү таразалаар, кызымды көргөнүмө эле кубанычтамын.

- Мейли, дос, сага рахмат, сенин кызматыңа ыраазымын, бул ишиң үчүн мен сага кандай жооп берээримди билбей турам, - деди Айдар Аликтин ийинине колун коюп.

- Айтасың да, досум, сенден мен эчтеке аябайм, андан көрө куттуктайм! - деп колун сунду. - Кызыңды табышың менен куттуктайм!

- Рахмат, менин да кубанчымда чек жок, досум, кыскасы бир кудай сактады, - деди Айдар Маликалар ары басып кеткенде. Эгерде кечээ барып калбаганда ал акмак аял бирөөгө кызымды сатып ийип, өмүр бою кызым да, биз да өкүнүп жүрүп өтмөкпүз.

- Ошондуктан ал аялды аябаш керек болчу, силер болбогондо камап коюп, сазайын бермекмин.

- Мейли, сазайын кудай берсин, - деп машинеге келишти. Өктөм ата-энесин таап, көңүлү тынып, таза кийинип, жакшы тамак ичип, аппак төшөккө жатканы менен мындай жашоого көнө албай жүрдү. Маликаны "апа" деп айталбай, Айдарды "ата" дегенге оозу көнбөй "эже", "байке" деп алат. Малика съемкага барганда аны жанына ала жүрөт, көбүрөөк бирге болуп, өзүнө көндүрүүнүн аракетинде. Айдар көңүлү тынгандан кийин апасына кеңешкени айылга барды. Адилет мен Азирет анын машинесин көрөөрү менен жүгүрүп жетип келди.

- Ата-а!

- Атам келди-и!

- Ата, үйүбүзгө кетебизби?

- Ата, апам келип бизди алып кетем дебедиби.

- Биз барбай койдук, - деп биринен-бири сөз талаша жарышып сүйлөп жатышты.

- Азаматтар, барбай эле койгула.

- Ийи да, барбайбыз ээ, Адилет байке? - деп Азирет атасын колунан кармап үйгө киришти. - Чоң эне, атам келди!

- Аа-а, садагам десе, келгениң жакшы болду, жакшы жүрөсүңбү, уулум, ишиң жакшыбы?

- Баары жайында, апа, өзүңдүн ал-абалың кандай?

- Дурус эле, балам, карылыктан го, көрүнгөн жерим ооруйт.

- Доктурга көрсөтөйүнбү?

- Жо-ок, аныңды кой, догдур-погдуру жок эле жүрөм…

- Балдар кыйнаган жокпу, апа?

- Жок, кайра эрмек болуп жатат, каралдыларым, мектепке бараарына аз калды, эмне кыласың?

- Алып кетем го…

- Ботом, Айпери экөөңө эмне болду? - Эне уулун суроолуу карап, жооп күтүп калды.

- Бүттү, апа.

- Эмне дейт, ботом?

- Ал өзү каалады ошону.

- Койчу, балам, өзү балдарын таштап кете коймок беле?

- Балдар ага баргысы келбесечи?

- Антпей түтүнүңөрдү булаткыла, уулум, бул жүрүшүң болбойт, кыркка келгенде бойдок болуп, балдарыңды энесинен ажыратканың болбойт да. Андан көрө барып алып келели, сен ырас келдиң, Жайкал экөөбүз барып эле алып келебиз.

- Болбойт, апа.

- Кой, балам.

- Болбойт дедимби, болбойт!

- Кандай шайтан аралады силердин араңарды? - Седеп уулуна түшүнө бербей ойлуу отуруп калды.

- Адилет, силер сыртка ойной тургулачы, - деди Айдар эки уулуна кайрыла. - Мен кайра кетем, эгер кетсеңер камынгыла.

- Кетпей эле койолучу.

- Чоң энеңерди кыйнайсыңар го дейм?

- Кой ээ, неберелеримден кыйналып эмне, ушулардын жүргөнү мага канчалык кубат, жүрө берсин, - деди Седеп Айдарды ормойо карап. Адилет менен Азирет эшикке чыгып кетишти.

- Апа, сени менен кеңешчү сөзүм бар.

- Айта бер, балам.

- Мен Айперини ала электе бир кыз менен жашачумун.

- Эмне дейсиң?

- Атам каршы болуп, Айпериге үйлөнтүп койгондо анын боюнда бар болчу, азыр кызыбыз онго чыгып калды…

- Ко-оку-уй, дагы эмне дейт, шорум бар? - Седеп бетин чымчый уулун ишеңкиребей карады.

- Ооба, апа, мен аны сүйөм, ал ушул убакка чейин күйөөгө тийбей мени күтүп жүрөт. Айпери менен ажырашып аны алып келем.

- Олда курган балам ай, эми кантейин, жаш бала эмессиң, акыл токтотуп, бир үйдүн ээси, эки баланын атасы болгон кезиң. Атаңды күнөөлөй көрбө, балам, нааразы болсоң ал аякта кыйналат.

- Атама нааразы болбойм, апа, сен эле макул болсоң Айпери менен ажырашып туруп, аларды алып келем.

- Ыя, балам, эл эмне дейт?

- Эмне демек эле?

- Татынакай балдарың турса, Айпери деле жаман келин эмес, кол бала эле, бармактайында келди, эки уулдуу таап берди. Жөндөн-жөн ажырашып, дароо эле аял алып келсең, кызы да болсо катуу тиет го, бечара келинге…

- Эчтеке болбойт, өмүрүм өткүчө анын жинди кыялына чыдашым керекпи, апа? Он жыл жашаганым жетээр, бир күнү тынч жашаганым жок, өмүрүм жалаң уруш-жаңжал менен өттү. Кийинки жылдары балдарым үчүн жашап келем, эми макул болсоң да, болбосоң да мен Малика менен жашайм! - деп чыгып баратканда Седеп шашып калды.

- Айдар, токто, балам, өзүң каалаганды жаса, айланайын, мен сага макулмун, - деп жетип алдын тосту. Ошол эле күнү Айдар кайра шаарга кетип калды. Маликага жолугуп, үйүнө чогуу келишти. Өктөм окутуучусу менен бөлмөсүндө отурган, экөөнүн келгенин билгенде кубанып чыга калды.

- Апа, ата, келдиңерби? - деп экөөнө тең асыла кетти.

- Кандай, кызым? - Айдар Өктөмдү эки бетинен өөп учурашты.

- Жакшы, эмнеге келбей жаттыңыз?

- Жумуш, кызым, мындан ары дайым чогуу болобуз.

- Сабакты жакшы окуп жатасыңбы, кызым? - Малика мээрим төгө сурады.

- Ооба, апа, окуп жатам.

- Кызыңыз жакшы окуп жатат, - деп Зайнагүл эжекеси чыга калды.

- Рахмат, кызымды жакшы окутканыңызга рахмат.

- Эчтеке эмес, Өктөм абдан зирек кыз, баарына жетишет буйруса, - деди Зайнагүл. - Мен барайын.

- Жакшы барыңыз, эртең өзүңүз келе бересиз да.

- Ооба, келем, - деп Зайнагүл сыртка чыкты. Бермет көптөн бери келбей калган, Маликалар жаңы гана тамакка отурганда эшиктин коңгуроосу басылды. Өктөм туруп барып ачканда Бермет:

- Оой, сулуу кыз, кандай, ден-соолуктарың жакшыбы, мамаша-папашаларың үйдөбү? - деп Өктөмдү өөп, ичкери кирди.

- Оо кел, Бермет, келгениң жакшы болбодубу?

- Бермет, кайда жүрөсүң деги?

- Эми силерди ээн-эркин бири-бириңе көнүп алышсын деп жайыңарга койдум да. - Бермет шакылыктай алардын катарына отурду. - Кандай, сулуу кыз, окуп жатасыңбы?

- Ооба, окуп жатам, - деп Өктөм мулуңдап койду.

- Аз-замат, университеттегилерди жаңылтып ийсең.

- Буйруса кызым бат эле жетишет, эжекеси жакшы мугалим экен.

- Ошонусу жакшы.

- Ал тамактан, Бермет.

- Алдым, азыр эле кафеден чыктым.

- Ох-хо, буйруса аяштуу болобуз го дейм? - Айдар тамашалай күлүп калды.

- Ой, жо-ок, мени алчу эркектердин баары занит, бойдок өтөт окшойм, - деп Бермет жооп кыла күлдү.

- Койсоңчу, баары эле кантип занит болуп калсын?

- Болбосо сүйбөйт го, бир жигитке жакпадым.

- Антпей эле өзүм жактырбайм десең? - Малика курбусун жылмая карады.

- Балким…

- Бермет, мен сага ушундай жакшы жигит табам дейсиң, бирок сен аны чанба, компаниянын белдүү кызматкери.

- Тапсаң тапчы, Айдар, жалгыз бойчулуктан да жадап баратам, деги ал мага, мен ага жаксам болду, - деп Бермет күлүп калды.

- Сен го жагасың, бирок сага жакпай калабы деп чочулайм.

- Ушул жолу, Малика, жакпаса да жакшылап ойлонуп көрүшүм керек, болбосо жакпады деп эле басып кете берип, ушул акыбалга келдим.

- Туура кыласың, Бермет, өмүр токтоп турбайт, - деди Айдар сырлуу жылмайып. - Убакытка жеңилип бербей ашыгышың керек.

- Айдар туура айтат, Бермет, өмүр түштүк сыяктуу эле болуп калат окшойт, кээде түшкө чейин бир ишке берилип алсаң күндүн өткөнү сезилбей калат. Ошо сыяктуу өмүр да сыдырым соккон жел сыяктуу үлп этип учуп кетчү нерсе экен го… - Малика улутунуп алды. - Эгер мен жашоону баштаганга кайрадан мүмкүнчүлүк болуп калса түк өзүмдөн башкага ишенбей жашайт элем.

- Малика, капаланбачы, жаным, биз баарын кайрадан баштайбыз, биздин балдарыбыз ынтымактуу, бактылуу болуп, кубанычыбыз койнубузга батпай ээрчишип жүрө турган болобуз. Сени эми бир жолу дагы капалантпайм, көзүңдү гана карап турам, жаным.

- Ишенем, Айдар, мен сага ошол кезде катуу таарынгам, анан жүрүп-жүрүп эле баарына кол шилтеп салып, сени көрсөм эч сөз айтып ирээнжитпеске өзүмө убада бердим. Кайрадан катуу сүйөөрүмдү сездим, карааныңды эле көрсөм жоготпогондой болсом экен деп тиледим, Айдар! - дегенде Маликанын көз жашы мөлт-мөлт куюлуп кетти. - Көрсө сени катуу сүйөт экенмин, Айдар…

- Капаланып кайгыра бербе, алтыным, Өктөм угуп калбасын, аны өзүбүзгө үйрөтө албай жатып, түйшүгүбүздү артып алсак не болот? Эгер көз жашыңды көрсө жаман ойдо калбасын, өздөрү минтип жүрсө мени жыргатабы деп ойлойт го?

- Макул, Айдар, Бермет аны алаксытып жатат, бизди сүйлөшүп алсын деди окшойт.

- Бермет асыл жан, акыл-эстүү, токтоо келин, көңүлүнө төп келген жакшы адамга баш кошуп алса болмок.

- Айдар.

- Оов.

- Сен ушунча жыл бою неге бир жолу жолугуп койбодуң?

- Мүмкүнчүлүктөн мурун сени алигиче турмушка чыгып кеткендир деп ойлоп, тынчыңды алгым келбеди. Жок дегенде бактылуу болгонун көрсөм экен деп жолугуп калууну дегдеп да, коркуп да жүрдүм…

- Неге?

- Сенин күйөө жөнүндө айтканыңды жактырбасам да ичимден сызып, башка бирөө менен көрүү оор мага болмок. Бирок сенин бактылуу болушуңду гана тилеп, өмүр бою сенин бактылуу болгонуңду көрүп, сыртыңдан көргөн сайын өзүмдү да бактылуу сезип жүрө бермекмин.

- Кызык экен, сыртымдан бактылуу көрүнгөн болсомчу?

- Жок, бактылуунун көздөрүндө бир нерсе байкалып турат, сүйлөгөндө, жүргөнүндө байкалып турат.

- Бактысыздарчы?

- Күлүп турса да каректеринде бир муң сыр катылып турганы белгилүү, сүйлөп жатып бир нерсени ойлонуп кетип алагдыланат. Эгер бирөөлөр кайгырган болсо алар менен бирге ыйлап, өзүнөн-өзү буулугуп бугун чыгарып алат. Андай адам сырткы көрүнүшүнөн чексиз бактылуудай сезилгени менен жүрөгү жаралуу болот, Малика.

- Ырас айтасың, мен үчүн ата-энем кам көргөн, эч нерседен кыйналганым жок. Жалгыз жаныма баары жетиштүү болсо дагы жүрөгүмдүн төрүндө бир нерсе өйүп турчу, күлсөм дагы көкүрөгүмдөгү арман тыз-тыз эттирип сайгылашып турат эле…

- Болду, жаным, баары башынан башталат, - деп Айдар Маликанын жанына келип, кучактап өптү. - Мени кечир, алтыным, кечир, сенсиз мен деле жыргап кеткен жерим жок, - деп кучактап отурду. Көптө барып анан экөө бири-бирине ыктай баардык таарынычты унутуп, бакыттын көлүнө чумкугандай дем алгандарын тыңшап бекем кучакташып отурушту.

- Айдар, мен дагы бакма экенимди билгем, ошол убакта жанымда сен жок, сырдашып сырымды айтаар жан жок, жаман абалда болдум, андан кийин апам өлдү… - деди көптөн кийин Малика.

- Алтыным, эми Өктөмдү гана капалантпай, кыйналып өткөн күндөрүн унутууга аракет кылышыбыз керек. Мен сенден кеткенде эле жыргап кетпедим, түнү бою оюмда сен болуп, иштеп жүрүп да сени ойлойм. Эми гана өзүмдү бактылуу сездим, жашоону экөөлөп баштайлы, сенин карьераңдын өсүшүнө өзүм камкордук көрсөтөм, баарын унут, жаркыным.

Экөө ошентип отурганда Бермет менен Өктөм келди алардын жанына.

- Кыз-жигит, сүйлөшүп бүттүңөрбү? - деди Бермет.

- Ооба-ооба, Бермет.

- Анда, Малика, эртең бизге конок келет экен.

- Кандай конок, кимдер экен?

- Аны келгенде көрөсүң, алдын ала конок камын көрүү керек.

- Мен Бермет эжем менен базарга барам эртең, - деди Өктөм кубанычтуу.

- Бара гой, кызым, - деп Айдар жылмайып койду.

- Биз жатып эс ала берели, силерге конок жөнүндө айтып койойун дедим, кыскасы жакшылап даярдык көрүүбүз керек, - деп Бермет күлүп койду да, Өктөмдү ээрчите кирип кетти. Малика ойлонуп калды: "Демек ал конок Султанова Венера болсо керек, эмне деп келээр экен? Ал мага апаң болом, кечир мени деп келет го? Аттиң, кандай кызык окуя, мен өзүм бакма болуп чоңоюп, кызымды жакында таптым, дагы кандай болуп кетээр экен? Айдарга айтып коюшум керек", - деп тунжурай түштү.

- Айдар…

- Оов, жаным.

- Конок келсе менин төрөгөн энем келиши мүмкүн.

- Ыраспы, жакшы болгон тура, Малика жаным, бул деген кош кубаныч да.

- Ошондой дечи, бирок мен таңгалып турам, жүрөгүм опкоолжуп кетти.

- Анчалык толкунданба, көнүмүш окуядай эле кабыл ал, сен ооруп калып жүрбө, бирок Өктөмдү бир аз алаксытып турсак кантет?

- Кайда барат, биз менен Бермет сөзсүз бирге болуш керек, мен ансыз сүйлөй албай калам, Өктөмдү өз бөлмөсүнөн эле чыгарбай мугалими экөөнү коюп койолу.

- Аа-а, туура, ал экөө чайды өз бөлмөсүнөн иче турган болсун.

- Айда-ар, андан көрө экөөнү бир жакка ойноп келүүгө жөнөтөөрбүз?

- Ырас эле, Зайнагүл менен паркка ойноп келсин, мен аларга тыйынды кенен жеткидей кылып берем, - деди Айдар.

- Туура, паркка ойноп келсин, мен азыр телефон чалып койойун, эртерээк келе турган болсун.

- Мына чечилди, эртең кызым ойноп келсин. - Экөө бекем кучакташып алды. Андан кийин алдыда болчу келечектери жөнүндө сүйлөшүп, кыйлага чейин отурушту. Он бир жылдан кийин бири-бирине кайрадан ишенип, бир өмүр ынтымактуу жашап өтүү үчүн бир жаздыкка баш коюшту. Өктөм алардын ажырашып, кайра табышкандары жөнүндө кабарсыз, балалык ойноо курагында өзүнүн ата-энесин тапканына кубануу менен көңүлү тынып, бейкут жашоо кечирүүгө өткөн. Таң эрте Бермет өзү туруп, тамак жасап, чай кайнатты, анан Өктөмдү, Айдар менен Маликаны ойготту. Үстөлдө чогуу тамактанып отурушканда эшиктин коңгуроосу басылып, Зайнагүл келди. Анын бүгүн келбей турган күнү болгондуктан Өктөм эжекесин таңгала карады.

- Зайнагүлдү мен чакырдым, кызым, экөөңөр бүгүн паркка барып эс алып келгиле. Биз колубуз бошогондо чогуу чыгабыз, ага чейин эжекең экөөңөр көңүлдүү эс алып келгиле ээ? - деп Малика кызына мээрим төгө жылмайып. - Макулбу, кызым?

- Макул, апаке.

- Апаке дегениңден сенин, кана, Зайнагүл, тамакка кара, - деди Айдар. Бермет болсо аларга тамак берип, чай сунуп отурган.

- Силер иче бергиле, мен базарга жөнөдүм, - деди Бермет бата кылып, ордунан туруп баратып.

- Токточу, Бермет.

- Эмне болду? - Малика Берметти бөлмөсүнө алып кирип:

- Эмне болсун, курбум, келе турган конок ким болсо ошол болсун, бирок Өктөм аларды көрбөй эле койгону туура дейм? - деди курбусун таарынып калдыбы деген ойдо.

- Туура кыласың.

- Бермет, коноктун кимдер экенин менден жашырбассың?

- Ооба, сен билишиң керек, ал сенин чоң ата, чоң энең, анан Венера эже…

- Чоң ата, чоң энем дейсиңби?

- Ооба, Малика, сенин атаң өлүп калган экен…

- Ошондойбу? - Малика не кылаарын билбей колдору калтырап туруп калды.

- Малика, өзүңдү кармачы, анчалык опкоолжуба, токтоо бол, сыр бербе, курбум, - деп Бермет Маликаны боору ооруй карап, көңүлүн жубатты.

Бул күнү келмек болгон Акылбек менен Алтынай эле… Алардын азыр Маликадан кичүүрөөк эки улуу бар.

Жапар аталары Венерага үйлөнтпөй койгондон кийин өзүнөн-өзү ичип, күндө мас болуп ар ким менен мушташып жүрүп, бир күнү үйүнө келди. Ал аябай мас болчу. Кирип келип эле апасына бир башкача мыскылдуу жылмайып:

- Табаңар кандыбы? - деди араң теңселип туруп.

- Эмне дейсиң, балам, бул жүрүшүң кантип болсун, акылыңа келсең боло?

- Акылым жайында, силер ушуну каалабадыңар беле, мына эми мени көрдүңөр, Жапар эми жок, сыртым бар, ичим көңдөй уктуңбу, апа?!

- Ой бала, апаң менен ушундай сүйлөшкөнгө кандай ниетиң барды, эс акылыңды жөнгө салбайсыңбы эми, апаң азыр кош бойлуу, көп капаланууга болбойт! - деди Акылбек ички бөлмөдөн чыгып келип.

- Аа-а, ошондойбу? - Жапар атасын бир укмуштуудай өкүнүчтүү да, арманга толгон көз караш менен карады. - Демек менин өлсөм ордумду басаарым бар тура, ооба, өкүнбөйсүңөр да ээ? - деди да, кайра артына бурулуп, темтеңдеп босогого жеткенде ата-энесин кайрылып карады. - Венераны окумуштуу адамга күйөөгө беришиптир, ал урматтуу адамдын баласы экен, ооба-а, менин эми эч нерсем жок, баары бүттү! - деп каалганы күч менен ачып чыгып кетти. Алтынай ыйлап отуруп:

- Акылбек, сен барып кел, бул өлүп алышы мүмкүн! - деди.

- Кантип эле өлө койсун, жаштык кылып жатат, Алтынай, эртең эле унутат, сууп калат, анан өзүнө келет.

- Билбейм, корком, Акылбек, бул соо эме-ес, - деп буркурап атып ал Акылбекке муну айтты. - Бир күнү кирип келди, сопсоо эле экен, "Апа, түшүндө жанын сурап алса эмне болот?" дейт.

- Ал эмне, түш көрүптүрбү? - Акылбек ынтаа койо сурады.

- Ооба, мурдагы жылы бир классташ кызы автокырсыктан кайтыш болбоду беле, ошол түшүнө кирип: "Жапар, сен мага жаныңды бересиңби? дейт имиш.

- Эмне дептир анан?

- Бул түш үч-төрт жолубу же андан да көп жолу кайталанды дейт, акыркы жолу дагы: "Сен мага жаныңды бересиңби, Жапар?", - деп сураптыр. Жапар: "Макул, сенден жанымды аябай калайын", - дегенде ал бир апсайган аялга айланып келип, жүрөгүн сууруп алыптыр. Чочуп ойгонсом кара терге түшүп калыпмын деген, сен барып кел, Акылбек.

- Барса барайын, ал эми үйүнө барды бекен, ага өзүнчө үй алып берип, бекер кылган экенбиз, - деп кейиген Акылбек машинасын короосунан айдап чыкты. Ал келгенде Жапардын үйү бек экен, жарыгы өчүрүлгөн бойдон, бир топко чейин келеби деп күттү, ачкычы менен ачып көрсө келбептир. Кайра аялына келип, Жапар үйүнө барбаганын айтты. Ошол бойдон эки-үч күн дайыны чыкпады. Акылбектин короосуна мал кармачу эмес, ошондуктан баары кулпулануу бойдон турчу. Бир бөлмөсү ачык, ага эч ким деле кирбейт.

Ал бөлмөгө Акылбек унаанын тетиктерин коюп койоор эле, коңшусу бир темир сурап келгенинен ачып кирип барып эле Акылбек бакырып ийди. Көрсө Жапар ошол эле күнү биякка кирип, асынып калыптыр. Акылбек бакырып ийгенде коңшусу артынан кирип барып, Жапардын асылып турганын көрүп, экөөлөп жиптен чечип жерге жаткырышты. Кыштын күнү болгондуктан селейип тоңуп калган экен. Эптеп коңшу-колоңун чакырып, Алтынайга угузушуп, жерге беришкен эле. Венеранын апасы Зымырат атайын Алтынайга жолукканда ал баарын айтып келип:

- Эми ошол Жапардын кызын таптык, биздин жаңылыштыгыбыздан улам ал кыз башка бир бүлөдө чоңойду, силер эмне кыласыңар? - деди.

- Зымырат, бул баарыбыздын жаңылыштыгыбыз, эгерде биз мурункуну кектебей экөөнө ак батабызды бергенде Жапар да өлбөйт беле? - деп Алтынай ыйлап телефон номерин алды.

- Аты Малика, мен Ибраимге айта албай койдум, Венера андан бетер ыйлап жүрөт, ал дагы үй-бүлөсүнө айта албайт, Алтынай.

- Мейли, уулумдан калган туяк кыз болсо да таап алайын, бирок, Зымырат, мен сага бир сырды айтып коюшум керек, биз каршы болгонубуздун себеби дал ошондо болчу…

- Ал кандай сыр экен?

- Мени Акылбек алып кеткенде боюмда бар болчу, Жапар Ибраимдин баласы эле, кантип ал экөөнөн төрөлгөн бала нормалдуу болушу мүмкүн, андайлар оорукчан төрөлөт дешчү эле го?

- Эмне-е?! - Зымырат Алтынайды жек көрө карап туруп, өзүн-өзү кармай, - Ошондой экен да, мен Ибаримди Акылбекке өчөшүп эле каршы болуп жатат дегем… - деди ойлуу муундары калтырай.

- Кечир, Зымырат, баары өткөн иш го, тагдыр ушундай экен, сен экөөбүздүн эми талашаар эч нерсебиз жок. Турмуш баарын өз-өз жайына койбодубу, чынында бизди Акылбек эле бөлдү деп жек көргөнүбүз менен тагдырыбыз ушундай чечилди.

- Чынын айтсам, Ибраимдин жүрөгүндө ушул кезге чейин сен гана жашайсың, Алтынай, аны мен тана албайм. Мен ага өчөшүп кылбаганды кылдым, ишенсең Венера Ибраимдин кызы эмес, ал да башка…

- Ошондойбу, ошол үчүн экөөнүн баласы ойдогудай болгон экен да? - Алтынай Зымыратты карап күлгөн болду. - Түбүң түшкүр тагдырдын табышмагы, ойго келбеген окуялар боло берет тура, - деп күлүп жиберди.

- Дал ошондой, Алтынай, өчөштүктөн ар кандайга барат тура пенде, Ибраимди жек көрүп кетчүмүн, анын мүнөзүнүн жумшактыгы гана мени кармап калды. - Экөө көпкө сүйлөшүп турушту. Анан Зымырат ага бир пачка акча сунду. - Биздин эсебибизден белек-бечкек ала бар, эми Венера ага көрүнбөй эле койсун. Чоң ата-чоң энесин тапса жай алып, көңүлүбүз тынчып калаар, деген менен сен өзүнүн чоң энеси эмессиңби?

- Сен туура эмес жасап жатасың, Венераны тааныштыр, андан көрө чогуу баралы.

- Мен Ибраимге кантип айтам, Алтынай?

- А сен айтпа, Венера экөөңөр конокко барабыз де, чогуу барып неберебиздин кандай кыз болгонун көрүп, көзүбүз кубансын. Ушул жашыбызда кекти эмне кылабыз, Зымырат, эркектерге билгизбей мамиле жасай беребиз, - деди Алтынай.

- Ооба-а, эми эмнебиз калды, тобо-о, аялдын ичине жер көтөргүс оор күнөө батканын кара, ушуну көтөрүп алып, жаратканды күнөөлөп жашап келебиз…

- Ошондой экен да бул жарык дүйнө, сүйлөштүк анда чогуу барганга. Мен телефон чалам, макулбу, Зымырат? - деп Алтынай жылмая карап кол сунду.

- Сүйлөштүк, - деди Зымырат дагы жылмая кол алышып. Экөө ошентип нечендеген сырды ичтерине катып, үй-бүлө туткасын бекем кармаган, эне деген наамдын кадырлуу каармандары бир пикирге келишип, үй-үйүнө жөнөштү. Ошол эле күнү Алтынай Акылбекке жай айтып түшүндүрүп, Малика менен жолугушуу үчүн барууга көндүрдү. Телефонду Бермет алган эле. Малика Айдар менен сүйлөшүп отурган. Өктөм менен Зайнагүл паркка кеткенден кийин Малика Бермет экөө базарга барып келип, үй ичин даярдап, тамак-ашын бышырып, коноктордун келишин күтүп калышты. Саат төрткө аз калганда сырткы эшиктин коңгуроосу чырылдады эле Айдар, Бермет, Малика үчөө тең бири-бирин тиктешип туруп калды. Эшиктин коңгуроосу жаны калбай чырылдай бергенде Бермет:

- Мен ачайын, силер тура тургула, - деп эшикке жетип, ачып жиберди. - Аа-а, саламатсыздарбы, келиңиздер! - деди да, келгендерди үйгө карай баштап кирди. - Айдар, Малика, конок келди!

- Саламатсыздарбы, келиңиздер, төргө өтүңүздөр! - Айдар тосуп алып, залдагы жасалгалуу дасторконго киргизишти.

- Жакшы жатасыңарбы, айланайын? - деп Алтынай учурашканда гана Кадырбаева Алтынайды тааный коюп:

- Сиз Алтынай эжекесизби, мен университетте окуп жүргөндө декан элеңиз го? - деп Айдар кайрадан учурашып бакылдап кирди.

- Айдар, сен Тагаевсиң го? - Алтынай да күлүп калды. - Айдар менин жакшы көргөн студентим болчу, - деп Акылбекке карады. Зымырат зыңкыя үнсүз төргө өттү, ал өзүн өтө күнөөлүү сезип жатты, анткени ал тээ бир кезде жаңы төрөлгөн наристени көргүсү келбей төрөтканага таштатып салбады беле. Кызын жемелеп жатып, төрөөрү менен үч күн жаткырып, кыздык жасатып, анан баласын калтырып, өзүн алып кеткенине ушул тапта бети чыдабай турду.

- Балам, Малика эмнеге кирбейт, биз менен таанышсын чакырып кой, - деди Акылбек Айдарга карап. Ошол убакта Бермет Маликаны ээрчитип кирди.

- Бул Малика! - деп Бермет күлө караганда Алтынай ыйлап туруп келип:

- Каралдымдан калган жалгызым-м! - деп кучактап калды. Экөө бир азга кучакташып ыйлап турушту. - Зымырат, карачы, кызым Жапардын эле өзү тура, - дегенде Малика:

- Мени кереги жок буюмдай кез келген жерге таштап кете берген аял сизби? - деди Зымыратты жаман көзү менен карап. - Өлбөгөн пенде алтын аяктан суу ичет дегенди билээрсиз, сиз кароосуз буюм сымал ыргыткан наристени карегиндей карап баккан адамдар мени өстүрдү, өлгөн жокмун. Ошол бир кездеги көзүн ача элек бир алсыз наристенин кайрылып келип, өзүңүзгө суроо берээрин ойлодуңуз беле, тирүүлүктө кечирилгис күнөө жасаган аял өзүн энемин деп кантип эсептейт болду экен?! - деп айтып жатканда көздөрүнөн жаш куюлуп, жүзүн жууп турду.

- Кызым, - деди Акылбек Маликанын жанына келип, жүзүн аарчып, эки бетинен өөп. - Бул жашоодо көп жаңылыштык боло берет, акыры келип баарына тагдыр гана күнөөлүү. Пенденин колунан эчтеке келбей зардап, азап чегип кала беребиз, кызым. Сен биздин неберебизсиң, эч кимим жок деп кайгырып-капаланба, бизди тагдыр сен жарыкка келе электе бөлгөн, эми кайра жолуктуруп отурат.

- Мени кечир, айланайын Малика, айыптуу экеним ырас, сени түшүнөт деп ойлойм, көргүң келбесе мен кете берейин, кызым, - деп Зымырат акырын туруп кетмек болду, эшикке жакындаганда Бермет:

- Малика, кечиримдүү болсоңчу, эстүү эле жансың, сен бир адамды капалантып, ызаңды чыгарам деп ойлогонуң менен баарын ордуна келтире аласыңбы? - деп курбусун булкулдатты. - Ар кандай болушу мүмкүн, балким жагдай ошондой болуп калгандыр, кечиримдүү болгонуң жакшы!

- Эмне кылышым керек?!

- Зымырат апаны кетирбе!

- Менин көкүрөктөгү дартым жууса кетеби, Бермет, укканда мага кандай оор болгонун ким түшүнөт? - деп ыйлап отурганда Айдар Зымыратты алып кирип, төргө отургузду. Малика үндөбөдү, Бермет чай куюп, тамак алып келди. Акылбектер бир кой союп, таттуу-тарапасы менен келишкен, Маликага бир сыйра, Айдарга бир сыйра, кызына бир сыйра, анан сырт кийимге деп он беш миң сом беришти. Айдар жан-алы калбай кызмат кылып жатты. Бермет үч-төрт түр тамак жасап, жакшылап коноктоду. Малика болсо мисирейген бойдон отурду. Дасторконго бата тиленип, эми кетмек болуп калышканда эшиктен Өктөм кирди.

- Кел, кызым, таене-таяталарың менен учураш, - деди Айдар ага. Өктөм Маликаны карады эле ал башын болоор-болбос ийкегенде:

- Саламатсыздарбы? - деди акырын.

- Бул биздин кызыбыз, - деп Айдар Өктөмдү аларга тааныштырды. Алтынай менен Акылбек кызды өөп, көрүндүгүнө миң сом карматты. Зымырат дагы ыңгайсыздана небересин өөп, колуна беш жүз сом карматып тим болду.

- Айланайын кызым, эми каттап тургула, өзүбүз чакырабыз, Жапар өлбөгөндө башкача болот беле, ал сенин бар экениңди да билбей кетти, жаш өлдү, - деп Алтынай каңырыгы түтөй Маликаны кучактап өөп коштошту. Акылбек дагы:

- Тагдырдын жазмышы, кызым, сен биздин өз балабызсың, инилериң бар, алар менен тааныш, бир үй-бүлөдөй болуп жүрөлү. Эч кимим жок деп капаланба, биз барбыз, садага, - деп бооруна кысып, Айдар менен жакшылап коштошуп, анан кетишти. Зымырат күнөөлүүдөй башын жерге сала эптеп эле отуруп кетти. Ал өтө жаман абалда калды. Венеранын: "Кантип?", - деген суроосун эми гана түшүндү, ал оюнда жөн гана түшүндүрүп айтам деп ойлогон. Маликанын сөзү октой катуу тийди. "Ырас эле мен энемин, эне болуп туруп ката кетирип, тирүүлөй адам баласын, баламдын баласын кайдыгер таштатып койгонум адилетсиздик болгон экен, уятымдан өлбөй төрт шыйрагым калды", - деп араң үйүнө келди. Ибраим катуу ооруп, уул-келини үрпөңдөп отурушкан эле.

- Эмне болду? - Зымырат кирип эле сурады.

- Атам коркутуп ийди.

- Эмне болуп?

- Чыдабай жатат.

- Көрөйүнчү, - деди ал, күйөөсү жаткан бөлмөгө баш багып, - Ибраим, сага эмне болду? - деп эңкейе сурады.

- Зымыш, менин силерден бөлүнөөр кезим келди, сага бир сөздү айтышым керек, - деди Ибраим онтолой.

- Айта бер, көп кыйналбасаң боло?

- Жапар менин…

- Билем, Ибраим, сенин балаң болчу.

- Кечир, адам алты саның аманында, ден-соолуктун барында өлүмдү эске албайт тура, ошону жашырып, Венераны бактысыз кылганым үчүн кечиргиле?

- Койсоңчу, Ибраим, Венераны бактысыз деп ким айтты, балдары турат, Иса күйөө бала андан бетер дурус адам, ал бактылуу эле…

- Жок, ал өмүр бою мени күнөөлөп кечирбей жүргөнүн билем, Жапардын өз балам экенин билип туруп жан далбас кылдым, Зымыш…

- Боло берет, ал деле аны унутту да, - деп Зымырат үшкүрүп алды.

- Ибраим, өзүңдү күнөөлөй бербе…

- Венераны чакырчы, көзүмдүн тирүүсүндө кечирим сурайын.

- Ибраим, мен сага бир нерсе айтсам капаланбайсыңбы?

- Эмнеге, өлүм алдында жаткан адамга баары бир эмеспи.

- Андай эмес, мен дагы сенден сыр жашыргам, - деди Зымырат ойлуу телмирип. - Венеранын Жапардан төрөлгөн кызы бар!

- Эмне дедиң? - Ибраим башын көтөрө жүзүн Зымыратка бурду. - Эмне деп жатасың?

- Ооба, ал чындык, Ибраим, мен сенден коркком, айылга алып барып беш ай кармап, ошояктан төрөтүп таштагам.

- Кудай урган, кантип?

- Ошондой иш болгон бир кезде, көрсө бири-бирибизден сактанып кылмыш кыла берет окшобойбузбу, эми мен деле карып-арып жетимишти аркалап калдым, чындыкты айтып койойун.

- Ал кыз кайда?

- Шаарда эле, зыңкыйган келин болуптур, күйөөсү, бир кызы бар экен.

- Зымыш.

- Ийи.

- Ошол кызды көзүмө бир көрсөтчү, Жапарды сенден, Акылбектен тартынып жүрүп, жүзүнөн бир өппөй, өлгөндө кайдыгер адамдар сымал куран окутуп гана койдум. Кызынын бар экени ырас болсо кучагыма кысып, жүзүнөн өөп алайын.

- Болуптур, Алтынай ээрчитип келет.

- Эмнеге?

- Анын да небереси эмеспи, жакында барып келди.

- Оо жараткан!

- Кыйналып кеттиңби, Ибраим?

- Ооба.

- Эртең Венера дагы келет, ошондо аны өгөй атасы катары гана сүйө аласың, Ибраим, бул сыр Алтынай, мен жана сенин гана ичибизде калат, - деди Зымырат күйөөсүнө.

- Макул, бир көрсөм болду…

- Жарайт, - деди да, Зымырат Алтынайдын үйүнө телефон чалды. Маликаны ала келишин өтүнүп, акырында Ибраимдин ал-абалы оор экенин айтты. Андан кийин Венерага телефон чалып, эртеңкиге өзүң келип кет деп чакырды, уул-келинине эртең үйгө коноктор келээрин айтып, камынгыла деп буйрук берди.

Венера бул кезде үйүндө болчу, кийинки кездери көп ооругандыктан жумушунан чыгып алган. Ага Жапардын өлүмү катуу тийип, ошондон бери жүрөк ооруга чалдыгып, жаз-күз ооруканага жатып чыга турган болгон. Зымырат чалганда жүрөгү бир солк этип алып, жүзү бозоруп жыгылганы баратканда он бештеги кызы аны бакырып, кармай калды.

- Апа, эмне болду? - деп ыйлап ийди.

- Эмне болду? - деп студент баласы келип, көтөрүп үйгө алып кирип жаткырды да, тез жардам чакырды.

- Дарысын алып келейинби? - деди Саида.

- Алып келчи, врач келгенче, - деп Артур дарыны алып оозуна тамчылатып, карап отурушту. Бир аздан кийин тез жардам келип, ага укол сайып, дары-дармек берип кетишти. Эсине келген Венера өзү апасына чалды. Ал келе албасын айтты эле Зымырат атаң ары карап кетсе кантебиз деп тызылдап жибергенде аргасыз барарын айтып, трубканы койду. Зымырат дасторконун жайнатып келчү конокторду өзү каршы алды:

- Келгиле, айланайындар! - деди шыпылдай. Малика менен бирге Айдар, Өктөм дагы бар эле. Адегенде аны Зымырат Ибраимдин үстүнө киргизди. - Ибраим, коноктор келди. Жапардын кызы келди!

- Келсин, кана, жаныма отурчу, кызым, - дегенде Малика элейе беркилерди жал-жал карап туруп калды. Алтынай:

- Бара гой, кызым, ал дагы небересин бир көргөнү тургандыр, - деди.

- Жакшысызбы? - деп Малика жанына отурганда:

- Айланайын, амансыңбы, балам, колуңду берчи? - деди Ибраим. Малика колун бергенде, колун өөп, - Садага болоюн, кызым, мени кечир! - деди алсыз.

- Коюңуз, кечирим сурабаңыз, - деп жиберди Малика тамагы буула.

- Кечир, кызым, менин аталык парзым бар, - деп башын көтөрө өйдө болду, бул кезде Зымырат менен Венера сырткы үйдө өздөрүнчө сүйлөшүп турган эле. - Зымырат! - Анын алсыз үнүн угуп Зымырат кирип келди.

- Ибраим, чакырдыңбы? - деп эңиле жанына отурду.

- Венераны чакыр!

- Азыр, - деп чыгып барып, бат эле Венераны ээрчитип кирди. - Ибраим, Венера келди.

- Отур, кызым, - деди Ибраим. - Венера, өлөөр алдында мен өз күнөөм үчүн силерден кечирим сурайм?! - деди да, онтолой бери карап, - Малика, кызым, келчи жакыныраак, жүзүңдөн сүйдүрүп койчу, садагам! - дегенде Венера дагы бозоруп барып отурган жеринде эле жыгылып баратты. Аны сезбей Малика эңкейип Ибраимдин жүзүнө жакын болгондо ал кучактап өөп, - Кечир, кызым, бардык күнөө менде, апаңда эч кандай күнөө жок. Анда жаш балапандай курагы эле, Жапар экөөнө уруксат бербей анын да убалына калдым, - деп көз жашы кулагынан ылдый куюлуп турганда Зымырат:

- Венера-а! - деп чаңырып ийди. Баары аны менен алек болуп калышты. Заматта тез жардам келип, укол сайды, кетээринде врач:

- Сизге кубанууга да, кайгырууга да болбойт, тынч жатыңыз, - деди.

- Апа, - деди Малика ошондо гана. - Апа!

- Кызы-ым, мени кечир!

- Жок-жок, - Малика сөз айталбай ыйлай берди. Зымырат конокторду жакшылап тамак берип, кой союп сыйлады, башка балдарына билгизбеди. Алтынай ойлуу отурганда Зымырат аны чакырып алды.

- Алтынай, мени туура түшүн, Ибраимдин аз эле күнү калды окшойт, кирип учурашып кой.

- Рахмат, Зымырат, жаштык кылбай мурун эле ушинткенде экөөбүз эле балдарды сактап калмак экенбиз, - деп эки аял бир кездеги тирешүүлөрүн эске алып, өкүнө сүйлөшүп туруп, анан Алтынай Ибраимдин жанына барды. - Ибраим, кандайсың? - деди тизелей отура калып.

- Жакшымын, сен... сен Алтынайсыңбы?

- Ооба, ал-абалыңды билип сурап койойун дедим, Ибраим…

- Жакшымын, Алтынай, өзүң кандайсың?

- Жакшы, ушинтип картайдык, Ибраим.

- Кечир, Алтынай, менин күнөөм көп, тирүүлүктө кетирген катамды кантип жуурумду билбей жатам го. Элден жашырдым Жапарды, ал эми кудайдан жашыралбайм да, көптөн бери Жапар мени келип алып кетмек болот, анан ал бир кызга жан берген тура. Ошол экөөбүз келип, алып кетебиз дейт.

- Койчу? - Алтынай чочуп кетти. Жетимишке таяп калган болушса да өмүр кымбат экенин эми гана сезишкендей, биринин өксүгүн бири толуктап тургандай болду. Эңшерилип бараткан өмүр жолунда жакын туруп, алыс болгондоруна өкүнө колдорун кармашып алып, бир топко сүйлөшүштү. - Мен эми кетейин, жакшы жат.

- Алтынай, эми келесиңби-жокпу, кош бол, эгерде пендечилик кылып ирээнжиткен болсом, жүрөгүңдү оорутсам, кечир!

- Андай дебе, Ибраим, жакшы болуп кет, кош… - Алтынай көзүнүн жашын сүртө конок бөлмөгө кирди.

- Кел, Алтынай, отур, эт бышып калды, - деди Зымырат күлүп, аны жакшы маанайда төргө өткөрдү. Венера бир аз өзүнө келип, Малика менен өзүнчө сүйлөштү. Анан Айдар менен Маликага, Өктөмгө баалуу кийимдерди кийгизип, Ибраимдин көптөн бери жылбай гаражда турган "Аудисин" Өктөмгө беришти. Аны Венеранын иниси Жусуп айдап алпарып берип кайтты. Ошондон бир жума өтпөй эле Ибраим дүйнө салды. Ызы-чуу болуп, анын ырым-жырымын жасаганча үч күн өттү, Малика алардын үй-бүлө мүчөсү катары ошол жерде болду. Иса пенсияга чыккан ишкер адам. Профессор, илимдин кандидаты. Абдан жакшы киши, Айдарды мурда таанычу. Анын бул жерде жүргөнүнө таңгалган менен унчукпады. Алтынай жөн гана бата кылып, көз көрсөтүп келип кетти. Бирок анын көкүрөгү муңдан жарылып кете жаздап, такси менен ээн жакка барып түшүп калды да, чоң түп дарактын түбүнө отура калып, жаш кездеги келишкен жигитин эстеп ыйлап жатты, ыйлап жатты. Канчалык өзүн карманып соороноюн десе да болбой өксүп жатты…

Айдар ушул бир айдан ашык убакыттын ичинде канчалаган иштердин күбөсү болду, жадагалса балдарына барганга да убактысы болбоду. Бирок ал Айпери менен жашаган күндөрүнө алмашкыс бакыттын кучагында калкыды. Сүйгөнү менен жаштык кездеги жаңылыштыгынан жаралган кызын чексиз сүйүп эркелетти, коноктордо болду, анан бир күнү Маликага кеңешип айылга жөнөдү. Седеп ошол кезде ооруп, өтө кыйын абалда жаткан эле.

Айдар келген эле күнү апасын ооруканага алып кетти. Жайкал эки баланы алып калды. Ооруканага келип, апасынын катуу ооруганынан коркуп, врачтарга дайындап жакшы каратып жатты. Үч күн карап отуруп, качан Седеп жакшы боло түшкөндө Маликага келди.

- Кайда бардың, Айдар?

- Апам катуу ооруп калыптыр, ооруканага жаткырдым.

- Жакшыбы анан?

- Дурус, үч күндөн бери жанында болдум, эми дурус.

- Жакшы болуп калсын.

- Малика, мени менен барасыңбы?

- Кайда?

- Апама, анан кечинде барып келеличи, жаным.

- Эмне деп ойлойт кары киши.

- Эчтеке дебейт, кайра кубанат, Өктөмдү да ээрчитип алалы.

- Макул.

- Рахмат, жаным, - деп Айдар Маликаны кучактап өөп көпкө турду. - Мен сенин муңайганыңды көргүм келбейт, Малика, ар дайым күлүп гана жүрчү, алтыным. Менин бактым кызым экөөңөр, анан эки уулум, баарыңарды бириктирип алсам болду эле.

- Убакыт бар, Айдар, баары жай-жайына түшүп келе жатат го? - Малика жылмая карады. - Балдарың мени кандай кабыл алаар экен?

- Алар абдан жакшы, ак көңүл, ишенсең өз энесине экөө тең барбай коюшпадыбы, демек алар адамды тандай билет.

- Ошондойбу? Өз энесин жактырбаган баланы биринчи угушум.

- Ал абдан көп сүйлөйт, кыйкырып урушат, мени үйдөн кет десе эле балдарым аны жек көрүп калышты окшойт.

- Айдар.

- Ийи, кулагым сенде, жаным.

- Мени дагы эле сүйөсүңбү?

- Жан дилим, чын жүрөгүм менен сүйөм, сенсиз өткөн өмүрүмдү супсак, көңүлсүз өткөрдүм, Малика, тозоктуу өмүрдү башымдан кечирдим. Ошого карабай сени кайрадан катуулап сүйдүм, мени сүйгөн адам бар деп өзүмдү-өзүм алдап жашап келдим. Кой, Малика, Өктөм кайда?

- Ал сыртка чыккан, келип калат, - деп Малика ашканага кирди. - Мен тамак жасайын.

- Апам тамак ичпейт го, кичине эле ысык чай көтөрүп алабыз.

- Ошо кантип болсун, жанындагылар айтат да.

- Айтпайт, бир аз дурус болгондо баарын алып барабыз, азыр сени тааныштырып койойун. Ушундай бир сулуу келини менен небереси барганда апам өзү эле сакайып жүгүрүп кетет го? - деп Маликаны көтөрүп алып, айлан көчөк болуп тегеренип жатты.

- Айда-ар, түшүр дейм, Айдар! - Малика Айдарды мойнунан бекем кучактап алып, кыткылыктап жатты. - Айдар, түшүрчү мени.

- Жо-ок, мен сени колума көтөрүп жүрүп өтөм, колумдан келсе такыр түшүрбөйм! - деп экөө ошентип жатканда Өктөм кирип келип, аларды карап туруп калды. Артынан Бермет кирди.

- Өктөм, эмнеге биерде турасың?

- Эже-е, тигилерди караңыз, - деп Өктөм оозун сөөмөйү менен баса акырын Айдар менен Маликаны көрсөттү.

- Аа-а, - деп күлүп койду Бермет, анан, - кхы-кхы, - деп тамагын кыра добуш бергенде экөө бөлүнө калды. - Салам, кандайсыңар, жубайлар?

- Кел, Бермет.

- Келдим, кандай турасыңар?

- Жакшы.

- Мен бүгүн жаңылык менен келдим, Малика, сенин келишим менен бир киного тартылууң туурасында макулдашып келдим. Эгерде сен макул болсоң режиссерго жолугуп, келишимге кол койосуң.

- Кандай кино экен?

- Турмуш жөнүндө, бирөөнү сүйүп калып, ошонун артында жүрө берип, өз жашоосун унутуп калган аял жөнүндө. Кыскасы, чын турмушка жакын, кызыктуу тасма болчудай.

- Сүйлөшүп көрөйүн.

- Аз-замат, мен дагы сени каршы болбос деп ойлогом, - деп Бермет кубанычтуу алакан чапты. - Буйруса, бул ролдо сен акчанын алдында каласың.

- Ой билбейм, азыр мурункудай өкмөт каржылабагандан кийин ар ким өзүнчө кино тартып эле маани маңызы жок болуп канча убактың кетет. Ошол кино экранга чыгып, элге жетсе жакшы, жетпей калып жатпайбы? - Малика ойлуу Берметти карады. - Режиссер күчтүү болсо кинонун тартылышы жакшы болмок.

- Канткен менен акыңды төлөп берет, аздап элге тааныла бересиң.

- Мааниси жок кинодон көрө тартылбай тынч жүргөнүм оң.

- Сценарийин окуп, сүйлөшүп көрөсүң да.

- Сөзсүз, а сен катышасыңбы?

- Мен бир аялдын ролуна макул болдум.

- Экөөбүз чогуу болот экенбиз да?

- Албетте, сенин жаныңда бирге болом.

- Бермет, сен үйдө отура тур, биз ооруканага барып келели.

- Ким бар ооруканада?

- Айдардын апасы, кайненем менен таанышып келейин.

- Өктөм барабы?

- Ал эмкиде барсын, айтпай эле кой, сени менен калат, макулбу, курбум?

- Макул, бизден кабатыр болбогула, - деп Бермет Өктөм отурган бөлмөгө кирип кетти. Малика тамагын банкага куюп, алчусун алып, Айдар экөө ооруканага жөнөштү. Алар келгенде Седеп керебетинде отурган эле. Адегенде Айдар кирип келди:

- Апа, акыбалың кандай?

- Дурус, уулум, мени ооруканага эмнеге алып келдиң, карыганда этимди жырдырып, укол алып куурай турган болдум.

- Апа-а, мына жакшы болуп калбадыңбы, колум бошобой көпкө барбай калганымды кечир, - деп апасынын жоолугун оңдоп, жүзүнөн сүйүп кулагына шыбырады.

- Апей, ботом, сени менен келди беле?

- Ооба, апа, жүгүнүп кирсинби? - деп жылмайды Айдар.

- Тим эле койсун, балам, кирсин андан көрө, - деген Седеп кайра бир нерсени эстегендей, - Баса, уктуңбу, балам, Айпери күйөөгө тийип кетиптир, - деди.

- Ыраспы, сонун болгон турбайбы анда, - Айдар кубанып кет

- Анын эмнесине кубандың, кагылайын?

- Кубанбай анан, бир ажаандан оңой кутулганыма кудайга шүгүр.

- Кагылайын ай, балдарың чоңойгондо эмне деп жооп берээр экенсиң, садага, бар эми келинди көп күттүрбөй алып кел, - деди эне жылмая.

- Макул, апа, - деп Айдар шашкалактай сыртка чыгып, Маликаны колдон алды. - Апам күтүп калды, Малика, жүр.

- Жүрөгүм опкоолжуп сүрдөп атам, Айдар, анткени ушуга чейин кайнене көрө элекмин да, - деген Малика терең дем алды да, Айдарды ээрчий палатага кирди.

- Жакшысызбы, апа? - деп саал эңкейип жанына келген ыйманы ысык келинге ичи жылый караган эне:

- Кел, садага, келе гой! - деди эки колун созуп, Малика келгенде аны эки бетинен өөп, Айдарды карап күлгөн болду. - Келинимди үйгө эле алып барсаң болбойт беле, балам, эми бактылуу болгула, айланайындар, - деп батасын берди.

- Рахмат, апа, - деди Малика чын пейили менен жүгүнүп.

- Кудай жалгасын, балам, баламды бактылуу кылсаң эле болду, силер ынтымактуу болсоңор сапарым карып, мен дагы санаасыз өз айылыма кете берейин.

- Коюңузчу, апа, андай дебеңиз, биздин колдон чай ичип, урмат-сый көрүңүз да, жаман сөздү айтып кетем дебеңизчи, - деди Малика Седептин жанына отура калып. - Менин апам дагы абдан жакшы киши эле, андан айрылуу мага оор болгон. Энелерди аябай аяйм, себеби балдары үчүн өмүрүн берүүгө да даяр. Мен сизди жаңы гана көрүп турам, апа, сыйымды-кызматымды көрүңүз.

- Айланайын, үнүң өтө муңдуу угулат да, мынчалык не муңга баткансың, садага, кудай көргөзсө көрөйүн.

- Мен сиздин уулуңузду он төрт жыл күттүм, апа, бирок анын үй-бүлөсүн мен бузганым жок, ишениңиз, апа. Мен андайга баргым келсе ошол кезде барып, отуруп алмакмын же бир уруш чыгарат белем. Качан гана ажырашкандан кийин жолуктум, - деп Малика ыйлап отурганда Айдар келип, өйдө кылды:

- Малика, апам андай адам эмес, апа, туура айтамбы?

- Ооба, садага, аман болгула, ээ кудайымдын ичинин кеңдиги да-а, экөөңдү неге мурда кошподу экен аа-а, койондой окшошкон садагаларым, кудай жолуңарды ачсын!

- Ыраазымын, апа, - деди Айдар апасын эки бетинен өөп. - Сен ушундай алтынсың, апа, келиниң жактыбы? - деди Седепке көзүн кыса. - Малика карыларды аябай сыйлайт.

- Айла-анайын десе, түзү ийгиден түңүлбө деп чырактай кыз тура, балам, эми Маликаны сыйлап кадырлап ал, бирөөнүн кастарлап өстүргөн кызы тура, - деди эне уулун чачынан сылап. - Мен силерди көрүп сакая түштүм, эми бара койгула, каралдыларым, эс алайын.

- Апа, эртең эрте келебиз, эми келиниңе опокшош небере кызыңды ала келебиз, - деп Айдар апасы менен коштошкондо Малика да келип, бетинен өөп коштошту.

- Апа, жакшы жатыңыз, эртеңге чейин, - деп сыртка чыкты. - Апам жакшы киши экен, мага жакты. - Айдарга эркелей карады.

- Менимче сен дагы апама жактың, көрөсүң го аябай жакшы адам экенин, - деп кучактап өөп алып машинасынын эшигин ачты. - Отуруңуз, Малика айым.

- Рахмат, - деп Малика жылмая отургандан кийин өзү рулга отурду.

- Эми бир милдетим калды, Малика.

- Кандай?

- Үйдү Айпери жылаңачтап кеткен, аны бир сыйра сырдатып-актатып, кызым экөөңөрдү алып барышым керек.

- Жетишебиз, Айдар, мага сенин жаныңда болуу гана бакыт азыр.

- Ардагым, мен да сенден артык кубанып турам.

- Негедир толкунданып отурам, апама жолукканга ушинтип жатсам керек ээ?

- Кубанганың го, кайненелүү болуш дагы оңой эме-ес, - деп кылыя карап койгондо Малика анын ийинине башын жөлөдү. Жарым саатта үйүнө жетип, кирип келишти. Өктөм бөлмөсүнөн чыга калды:

- Келдиңерби, апа, ата?

- Келдик, кызым, чоң энеңе барып келдик, эртең сени да алпарабыз.

- Эмнеге азыр алпарбадыңар?

- Чоң энең ноокас, кызым, бүгүн бир аз дурус, ошондуктан тынчын албайлы дедик, эртең чогуу барабыз, - деп Айдар кызын эки беттен өөп, эркелетип койду.

- Жарайт, - деген Өктөм кубанычтуу секирип, ары кирип кеткенде Айдар менен Малика бири-бирин карап жылмайып коюшту. Булар бир канча жылдан кийин өз сүйүүлөрүн аздектеп жүрүп, кайрадан турмуш жолун баштады. Өмүр шерик жубай деген жашоодо берилчү белектен куруу калбай кубана бири-бирине биротоло энчиленишти. Малика ойлонуп отуруп аял, эне гана болгусу келди, айылга барып, кайненесине кызмат кылууга өзүн даярдап жатты. "Мен отузга чыкканда зорго келин болуп кайненемдин босогосун аттаганы турам. Артист болом деп жалгыз таштап койгонум болбос, ыймандуу келин болуп гана айылда калганым дурус", - деп ойлонду. Седеп ооруканадан чыккыча тынбай барып турушту. Чыгаарда үчөө чогуу барып, үйүнө алып келишти. Уул-келининин сыйын көрүп, анан кетээрде Седеп:

- Балдарым, минтип жүргөнүңөр болбойт, айылга барып тууган-уруктун көзүнчө ырым кылалы. Маликанын жакындарын чакыр, кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт деген, сени күтүп ушунча жыл жалгыз кызын багып жүрсө, алдынан өтпөсөк болбойт, балам, - деди.

- Макул, апа, сен айткандай болот, - деди Айдар күлө. Ошентип уул-келинин алып, Седеп айылына келип түштү. Келээри менен эле туугандары менен кеңешип, экөөнө нике кыйдырды, Акылбектер менен Венерага телефон чалды. Алар эртеси даярданып, аныктагандан кийин сеп бермек болуп, үй эмеректери менен бир үйдүн мүлкүн жүктөп, союш союп, майда-барат таттууларды алып келип калышты. Айдардын туугандары кайын журтунун жакшы жерден экенин билгенде жетине албай кызмат кылып жатышты. Седеп дагы аларды абдан сыйлады, коноктоого тай сойдурду, кешикке кой союп, бака-шака болуп жатышты. Айдардын кубанычында чек жок, ал ошол күнү Маликанын боюнда бар экенин угуп, ого бетер терисине батпай турду. Кудаларынын алып келгендерин аңыз кылып жатышты. Аларды узаткандан кийин Берметке телефон чалды эле ал үйүндө экен.

- Алло, бул ким? - деди ал.

- Бермет, кайда жүрөсүң деги, сен келбегениңден кете бердик, кудай жалгагыр, бат эле келип калчы, - деди Малика ага эркелегендей.

- Кайда барам?

- Өзүң деле билесиң, Бермет, автовокзалдан автобуска түш, мен Айдарды жиберип тостуруп алам.

- Баратам, берекем, менсиз көшөгөдө отуруш кыйын болуп жатабы? - деп тамашалады Бермет.

- Айта көрбө. Айдардан башкасы бөтөн, Өктөм болсо чоң энесинин жанына чыкпайт, мага акылыңды айтчу сен жоксуң.

- Жетип барамын эртең, чыдай тур! - деп күлүп трубканы койду да, бетине маска жаап, жатып калды. Бермет Малика экөө тең, бирок отуз үчкө чыкканча турмушка чыга элек, ата-энеси, бир туугандары бар. Бардар үй-бүлөдөн. Болгону ата-энеси күйөөгө чык дегенинен барбай шаарда жүрөт, максаты бар, бирок эмне кедерги болгонун өзү да билбейт, жолу болбой Малика менен иштеген болуп жүргөн. Азыр Маликанын башынан өткөндү эстеп, өзүнчө жылмайып: "Байкушум десе, эми көңүлүң жайына келгендир, бактылуу болсоң экен", - деп койду.

Эртеси Бермет келгенде той тарап, жалаң жакын туугандары калган эле, Алымбү эжеси менен карындашы Шарипа бар. Бермет такси менен келип, эшиктин алдынан түшкөндө Айдар тосуп кирди. Ошол тойдо Айдардын мындайыраак агасы бар эле, анын аялы кетип калып, үч жылдан бери бой жүргөн. Ал Берметти көрүп эле жактырып калды. Өзү мугалим болуп иштейт, бир эле баласы бар, ал бешинчи класста окуйт. Бермет Малика менен эки-үч күн туруп калды. Амантур тынбай келип Берметти кареги талыганча тиктейт, анан Айдардан:

- Айдар, аяшың бой келинби? - деп сурады.

- Оо-ой, байке, ал күйөөгө тийе элек кыз, - деп күлүп калды Айдар.

- Мейли, ата-энеси, бир туугандары барбы?

- Бар чыгаар, Малика билет, мен анча билбейм, байке.

- Анда келинден сурап көр, мен ушул жерден эле алып калайын.

- Сурайын, бирок алып калаарыңызды айталбайм, - деди Айдар агасын тамашалай. - Сүйүп калсаңыз керек го?

- Сүйсө сүйө турган жаштамын, үйлөнөйүн деп жүрдүм эле, көңүлгө туура келгени жок.

- Анда уурдап калабыз, эмнеси бар экен?

- Азамат иним, жардам бер, - деди Амантур дароо эле.

- Жарайт, байке, аракет кылып көрөйүн, - деп Айдар үйүнө кирип келе жатып босогодон токтоп калды, төркү бөлмөдө Бермет менен Малика сүйлөшүп отурган.

- Малика, өзүңдүн бийик максатыңды ушинтип курмандыкка чаласыңбы, андан көрө…

- Бермет, менин бактым бирөөнүн аялы, баланын энеси болууда окшойт деп калдым. Отуз жашымда келиндин ак жоолугун салынып, сүйгөн адамымдын ак босогосун аттадым. Мага бул бакыт бир берилди, колумдан чыгарбашым керек, курбум, анан да апабыз өтө кары экен. Мен жалгыз баласын шаарга алып кетип калсам кудайга да жакпайт го дейм, же жалганбы?

- Аның туура дечи, карьераң кантет?

- Ал эми кыял бойдон калсын.

- Өзүң бил, курбум, мен сени бузууга акым жок, - деп Бермет унчукпай калды. - Малика, ушунча жыл көз жашымды түнү бою төгүп, күндүзү бактылуу адамдай эл арасында басып жүргөндөн тажадым. Жөн гана аял болгум келет, эне болуп татыктуу уул-кыз тарбиялап, жай турмуш өтөгүм келет…

Экөө тең үндөбөй калганда Айдар кирди:

- Оо-о, сулуулар, кандай маселени чечип отурасыңар?

- Жай сүйлөшүп отурабыз.

- Малика, алтыным, биз качан жылалы? Шаарга барып сен ишиңди улантышың керек, мен болсо үйдү даярдайын, балдар бу жерде окуй беришет.

- Айдар…

- Жаным, эмне айтайын дедиң эле?

- Шаарга кетебиз дейсиңби?

- Ооба, кетпесек болбойт да.

- Жо-ок, Айдар, мен бул жерде калам.

- Эмнеге?

- Апам карыган киши болсо, жалгыз баласы сен аялыңды алып шаарга кетип калсаң, эл эмне дейт, менин ага дитим барбайт. Сен барып өз ишиңди бүтүр, а мен апама кызмат кылам.

- Кийин өкүнбөйсүңбү, Малика?

- Эмнеге өкүнөм, менин бактым дал ушул жерде экенин сезип турам, Айдар, - деди Малика жүзү албыра. - Өктөмдү окутуп, эптеп бул жерден күбөлүк алабыз, туурабы?

- Макул, жаным, сен айткандай эле болсун, - деп Айдар оозгу бөлмөгө чыкты. Шарипа Маликага келип:

- Жеңе, биз кетебиз, эжем чакырып жатат, - деди.

- Азыр, - деген Малика кайненеси отурчу бөлмөгө кирди. - Чакырдыңызбы, апа?

- Ооба, балам, Алымбү менен Шарипа кетебиз дейт, тамагыңды алып келе кал.

- Даяр эле, апа, азыр алып келем, - деген Малика элпек кыймылдап, дароо эле дасторконун жайнатып, тамак-ашын алып келди. Чогуу отуруп тамактангандан кийин эже-карындашын жөнөткөн Айдар үйгө кирип келе жатып чочуп кетти:

- Сен кайда?

- Мен дагы кетейин, жүрө бергеним уят го? - деп күлгөн Бермет сумкасын көтөрө дарбазаны көздөй басты.

- Бермет, бүгүн кетпей эле койчу? - деп Малика артынан чыкты.

- Силерге эмне болду?

- Эчтеке, кетиргим келбей таарынып отуруп алсам дагы кеткени жатпайбы? - деп Малика арызданып кирди. - Кудай жалгагыр, Айдар, сен дагы айтчы, эртең деле күн бар го?

- Бермет кетпейт, - деп Айдар анын колундагы сумкаларын алып, өзүн колтуктап ичкери киргизди.

- Келген жериме жумалап жүрүп алсам кандай болот?

- Эмне, сен башка жерде белең, биздин үйдөсүң.

- Бермет эже, эмнеге кетем дейсиз, биз менен чогуу кетесиз го? - деп Өктөм жүгүрүп келип, кучактап калды.

- Өктөм, биз азыр кетпейбиз, ал тургай биротоло бул жерде калабыз, апам укса капа болбойбу, кечээ келип эле кетмек болуп жатабы деп, - деди Малика Өктөмдү тыя.

- Биз ушунда калабызбы? - Өктөм байоо сурап койду.

- Ооба, кызым, чоң энеңдин жанында болушубуз керек.

- Аа-а, Бермет эжем кетеби анан?

- Бүгүн эмес, - деп Айдар алып кирип келе жаткан Берметти колунан ала төркү үйгө кирди Малика. - Жинди десе, менин таарынганым сага кеп эмес экен да ээ?

- Сени билем, эч качан таарынбайсың. - Бермет ушинтти да, сумкаларын коюп, төргө отуруп калды. Седеп алардын үстүнө кирип, Берметтин жанына отурду:

- Кызым, бир күндүн ары-бериси кайсы, чыдап бүгүн дагы сый көр, сүйлөшүп отургула. Силердей жаш кезде эмне, ойносок оюнга, күлүп күлкүгө тойбогон кез болот эле, анда жоро бозо салып, шерине уюштуруп, ар күнү кыдырып эт жемей. Азыркыдай кайдан болсун, элдин пейили бузулду.

- Ырас айтасыз, апа.

- Анда жакшы убак экен, эл-журт тынч, эми демократия дешип болгонун ачык айтып жүзү ачылып бүттү, жакшы адамдын жүзү парда ичинде болот эле, эми ар ким өзүнө кыйын, акча менен айга үй сала тургансышат. Кокустан аркы дүнүйөнүн акча менен билип келчү жолу болсо ач көздөр эбак барып паралап, аякка да жай салдырып коймок, - деп наалып калды Седеп. Ошол убакта Амантур Малика менен Айдарды чакыртып ийиптир. Седеп болсо уул-келинине көйнөк-көнчөк бермек болду эле аны эшикте турган коңшунун баласы алаксытып ары алып кетти. Бермет дагы үйдөн чыга калды, Өктөм уйкусу келип жатып алган. Малика кечки тамактын камын көрмөккө ашканага кирди. Седеп келинине ыраазы болуп: "Айпериден төөчөлүк өйдө экен, курган балам, өзү каалабаган аялды алып көп кыйналды. Эми тим эле Маликанын жанынан чыкпайт экен, мейли бактылуу болушсун", - деп Берметтин жанында көпкө сүйлөшүп отурду.

- Кызым, күйөөң барбы, айланайын?

- Жок, апа, күйөөгө чыга элекмин.

- Көңүлүңө жакканы чыкпадыбы, садага?

- Ооба, апа, жакпайт дегеле, мага жакканы мени жактырбайт, - деп күлүп койду.

- Кой антпе, ургаачынын бактысы бир эркектин босогосунда, баланын күлкүсүндө, кызым, өтө чычайган болбойт, жакшы жигит болсо убактыңды кетирбей чыгып ал.

- Ээ, эже, ушул жактасыңбы? - деп Жайкал кирди.

- Ботом, кайда жоголуп кеттиң?

- Мындай-мындай баспайынбы, жарыктык, тиги Сагынбү менен сүйлөшүп туруп калдым.

- Эмне дейт?

- Кызы окуудан ары Ат-Башыга тийип кетиптир, жакында тоюна барышат экен, мактанып эле калыптыр бечара.

- Мейли, ар пенде көрсүн, сен Маликага каралашсаң боло, ал кыйналбасын, от жагып көрбөгөн неме.

- Эже, жанында Айдар жүрөт, мен дагы барып калайынбы, баары бир мени жолото койбойт го? - Жайкал күлүп койду. Кечки тамак даяр болгондо чогуу дасторкондо отурушту. Бир маалда Айдарды сыртка бирөө чакырып калды. Ал чыгып барып, кайра кирип, унчукпай тамагын ичип отуруп анан Маликаны бир карап, апасына:

- Апа, али кеч кире элек, Маликага айылды көрсөтүп келбейинби? - деди.

- Өзүң бил, балам, сейилдеп чыксаңар чыгып келгиле.

- Малика, барасыңбы, Берметти да өзүм чоңойгон айыл менен тааныштырып келели.

- Макул, үйдү жыйнап, идиш-аякты жууп койойун, - деди.

- Калган ишти өзүм эле жасайм, айланайын, силер бара бергиле, - деди Жайкал.

- Кой, сизге жасатып коюп, жүрүп алмак белек, мен бат эле, - деп Малика дароо ордунан туруп, идиштерин жыйнап кирди. Бермет ага жардамдашып эшикке чыга калган, ошол убакта дарбазанын жанында күтүп турган балдар аны көтөрө качып, унаага салып жөнөштү. Берметтин бакырыгынан чыга калган Айдар менен Малика унаага жетпей калышты.

- Айдар, уят го, эми эмне болот, Бермет бизге таарынат, кимдер алып кетти деги, ата-энеси эмне дейт? - деп Малика чый-пыйы чыга Айдарды карады.

- Билебиз азыр, ким алып кеткенин, коркпо, жаным, эгерде ылайыктуу болсо ал деле отурууну ойлойт чыгаар.

- Кой, өзү айылга келин болууну каалачу эмес.

- Эми шашпа, сен үйгө кире бер, мен билип келейин, кимдин аял алганы жатканын дароо эле билип алам, эгер жайсыз жер болсо өзүм алып баса берем, макулбу?

- Тезирээк бил, Айдар, ата-энеси менден көрөт, ага-эжелери да аябай укмуш немелер, аларга оңою менен адам жакпайт, - деп ичке кирип кетти. Айдар дароо эле Амантур агасынын үйүнө жөнөдү.

Бермет мостоюп алар менен жөн гана сүйлөшүп баратты:

- Силер мени беш көкүл кыздай көрбөгүлө, маңыроолонуп отуруп калгыдай, андан көрө кайра ордума алып барып койгула.

- Буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө, чоң кыз, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.

- А мен ыйлабайм, жеткиргиле мени, сыйыңар менен жеткирип койгула!

- Жеткирбесек эмне кыласың, сулуу кыз?

- Мени менен тамашалашпагыла, кеч боло электе алпаргыла дейм.

- Кыз өз эрки менен эрге тием дебейт. Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат, сулуу, - деп бири такыр эле макалдатып аны сөздөн кармап жатып заматта заңгыраган үйгө жетип машинени түз эле короосуна киргизе айдап киришти. Мурдатан камданып алган аялдар тегеректеп калганда Бермет кармагычты бекем кармап алып, түшпөй тырышып жатты:

- Мени жеткирип койгула!

- Айланайын, кыз бала ушинтип эле келин болот, баарыбыз эле ушинтип келгенбиз.

- Койо бергиле дейм, мен баары бир бүлө болбойм!

- Ошондой да болчу беле, эне көргөн кыз эмес, өтүк кийген бут эмес дегендей апаң айткан жок беле, кызым? - деди улгайган аял. - Назар сындырган болбойт, өсүп-өнөөрүңө жакшы.

- Кереги жок, койо бериңиздер!

- Койо бергиле! - деди ошондо Амантур басып келип. - Сиздер бара бериңиздер, - деди да, өзү салонго кирип, Берметтин жанына отурду. - Бермет, мен сизге өзүм жолугушум керек эле, - деп эшикти бекем жаап койду. - Мен сизди жактырып калдым, арзуу деген кыйын сезим экенин билээрсиз…

- Эмне дейсиз? - Бермет бурула көңүл коюп, Амантурду бир чолуй карап алды, зыңкыя кийинип, чачты артка карай тараган, галстукчан бул адамды көңүлүндө жактыра түштү. - Анан малча сүйрөй качууну ойлоп таптыңызбы?

- Арга жок, сизди кетип калабы деп шашып калдым, анын үстүнө кызды ала качуу салт, эгерде сизге өөн учураса кечириңиз, өзүм жеткирип койойун, - деп алдыңкы орунга жылып, рулга отурду. - Айдардын үйүнөбү?

- Ооба.

- Кеттик анда, - деп машинаны от алдырып айдап жөнөгөндө алдынан Айдар көрүндү:

- Ой, Амантур байке, менин аяшымды кайда алып барасыз? - деди күлө карап.

- Түшүрүңүз, мен Айдар менен кетип калам, убара болбоңуз, - деп Бермет эшикти ачып түшмөк болуп жатканда Айдар Амантурдун жанына отуруп калды.

- Биз ээн-эркин маектешип алсак дедик эле, иним.

- Бермет каршы эмеспи? - Айдар Берметти карады, ал Айдарга таарынгандай ызалана сүйлөдү:

- Айылдаштарың адамды малча бөктөрө качкан салтты дале унута элек тура. Мен талаада жүргөн кыз эмесмин, тоодой-таштай, кадыр-барктуу ата-энем, бир туугандарым бар. Мен азыр эч ким менен сүйлөшкөнгө даяр эмесмин, Малика менен коштошом да, түндөп шаарга кетем!

- Мен эле жеткирип койойун, - деди жылмая караган Амантур.

- Сизсиз эле кетем, такси бар болуш керек, же аныңар да жокпу?

- Жаныңызда турган жигит таксистин ролун бир жолу аткарууга даяр сиз үчүн.

- Кечиресиз, мага сүйлөбөңүзчү, сиркем суу көтөрбөй турат.

- Чыртылдаган далай кызды көргөнбүз.

- Көп жаңылып көңүлүңүз калган бейм?

- Жаш кезде жаңылыштыктар болгон, эми жаза баспоо аракетиндемин.

- Жылтырак буюмдун ичи калтырак дегендейби?

- Андан да коркунучтуура-ак. Азилди жакшы айтат экенсиз, чоң кыз. Мынча келдиңиз эми даам сызып кетиңиз. Мен иниме уят болдум, жүргүлө экөөңөр тең үйгө кирип чыккыла, алдыңарга жыгылыштуумун, - деп өзү машинеден түшүп, Айдарга акырын көзүн кыса Берметке кайрылды. - Сунушумду кабыл алаарсыз, айым?

- Кечиресиз, даамыңызга рахмат, жолдон калгым келбейт, - деп Бермет бул жигитти жактырып калгандай таризде сыпайы жооп кылды. - Жолоочунун жолдогусу жакшы деген эмеспи, сыйыңызга ыраазымын.

- Адатта даам ооз тий дегенден кийин кыргыз баласы баш тартчу эмес эле, адамдын көңүлү гүл деген, Бермет.

- Кечиресиз, мен түшө албайм, - деп Бермет кармагычты койо бербей отурганда жүгүрүп келген аялдарга Амантур:

- Конок камын көрө бергиле, шаардык кыздын алдында айыбыбызды тартуубуз керек, союшуңарды союп конок күтүүгө даярдангыла. Азыр Айдар Малика келинимди да алып келет, - деди эле аялдар бири-бирин карашып, ары басып кетишти.

- Жолдон калтырып жатасыз, мен өзүм эле кете берейин, Малика менен Айдар өздөрү конок болушсун, - деп машинеден түшкөн Бермет жолду көздөй басканда Амантур аны так көтөрүп алды.

- Күнөөмдү кечириңиз, сулуу, бизде конокту ушинтип эле киргизип койот, - деп үйгө кирип кетти. Бермет ага каршылык көрсөткөнү менен бошоно албады. Амантур аны ичкери киргизип, көшөгөгө отургузду да, - Эми өзүңүз чыга берсеңиз болот! - деп өзү сыртка чыгып кеткенде тегеректеген аялдар ага жабылып келип, жоолугун салып кирди.

- Бул эмне кылганыңыздар, жо-ок, жоолук салынбайм! - дегенине эч кимиси карабады, аргасы кетип Бермет ошондо гана ыйлап жиберди. - Ушунчалык да жапайылык болобу, уят эмеспи, жоолугуңарды салынбайм! - деп алып ыргытканда кирип келаткан Амантур жоолукту тосуп алды.

- Койо бергиле, чыга туруңуздар!

- Бул эмне кылганыңыз, сиз мени мазактап жибердиңиз.

- Жок, Бермет, бул сыйлуу, улуу салт, башыңызга ак жоолукту салгыңыз келбесе отура бериңиз, конокко жоолук салып узатат эмеспи. Бул жоолукту ак дилден апам даярдаган экен, сизге өөн учурап жатса өзүңүз эле салынып коюңуз, - деп жоолукту сунду. - Бул сый болсун.

- Кызык, мен сизге түшүнбөй калдым, эмнеге?..

- Азыр Айдарлар келет, досторум да келишет, көңүл ачып кетиңиз эми, - деп сыртка чыгып кеткенде келиндер ар кайсыны көтөрүп келип, дасторкон үстүн толтуруп ийишти. Андан кийин үч-төрт келин, жигиттер кирип орун алышты, алар жаңы бир чыныдан чай ичип калганда Айдар менен Малика келди. Маликанын кабагы бүркөө эле, ал Берметтин жанына отурду да, экөө шыбырашып калды. Бир сыйра ичимдиктер куюлганда Бермет менен Малика ичпегенин айтты эле бирөөсү колуна комузун алып:

Улуу кыргыз калкымдын

Уул-кыздары намыстуу.

Кылымдарды карыткан

Салт-санаасы ыйык туу.

Кыздары кыйгач кара каш.

Көргөндү жалт караткан.

Жеңелери ак жоолук

Улууларды сыйлашкан.

Байбичелер балпайып

Акыл-насаат көп айткан.

Улуулардын кеп сөзүн

Балдары сыйлап аткарган, - дегенде баары бакылдап кол чаап калышты. Ошондо Амантур акырын козголуп өйдө турду да:

- Достор, туугандар, силердин алдыңарда бир ооз сөз айткым келет, - деди кыдырата карап.

- Айт-айт, айтпай анан.

- Кана, Амантур, сүйлө анда.

- Мен жалпыңардын көзүңөрчө Берметтин мага турмушка чыгышын суранам! - дегенде баары Берметти карап унчукпай калышты. - Ооба, айып бизде, эски салтты колдонуп ала качтык, бирок аруу сезим, жанды жай алдырбаган ыйык сезим мени тынчтандырбай ушул мүнөттө мен жүрөгүмдүн ээсинин колун сурайм. Бермет, менин жарым бол!

- Азамат эй, - деди бирөө колун чаап. - Мындайды кинодон гана көрбөсөм жашоодон көрүп-укпаганмын, дал кинодогудай болуп жатат.

- Ошону айтсаң, Амантур өзү жигиттин гүлү да, - дешип күпүлдөп жатканда Малика менен Бермет бири-бирин тиктеп калышты.

- Бермет, суранам сенден, өмүрлүк жубайым бол, түбөлүк кол кармашып өтүүгө кол сунам.

- Бермет, жигиттин сөзүн кайтарба!

- Азамат, Амантур!

- Бермет, сөз сенде! - дешип бакылдап жатканда Амантур чөгөлөй калып, колун сунуп туруп калганда Малика Берметке шыбырады:

- Бермет, эми болбой калды, жакшы жигит экен, легендарлуу турмушка чыга турган болдуң, курбум. - Бир жагынан Айдар эңкейе:

- Менин байкемдин шагын сындырба, Бермет, - деди акырын эч кимге угузбай. Берметтин аргасы калбады, өзү да жактырып тургандыктан башын өйдө кылып:

- Менин бир шартым бар! - деди.

- Кандай шарт болсо да макулмун, Бермет.

- Мени ата-энемдин колунан алып келгиле, ошондо гана жар болууга даярмын!

- Болду, айтканыңдай болот! - деген Амантур кубанычтуу досторун карады. - Достор, мен Бермет айткандай кылып, үйүнөн сөйкө салып алып келем, кана эмесе, көңүлдүү отуралы.

Эки-үч сааттай отурушуп, койдун эти желди, анан Берметти Айдардын үйүнө жеткирип коюп, Амантур өзү үйүнө кетти. Айткандай эле эки күндөн кийин Малика, Айдар, Бермет болуп Берметтин үйүнө жол тартышты. Берметтин ата-энеси бардар турушат экен, аларды коноктоп жатканда Амантур он чакты адам болуп келип, сөйкө салды. Эки күндөн кийин Берметти үйүнө алып кетти. Ата-энеси себин өзү менен бирге берди. Малика курбу катары кошо жүрдү, Айдар Амантурдун иниси катары кызмат кылып жатты. Ошентип эки курбу жакын жерге турмушка чыгып, мурункудан да жакын, түбөлүк ынтымактуу ысык мамилелеш адамдардан болуп кала беришти. Амантур Берметти чындап сүйдү. Кубанычы койнуна батпай бир түндөрү кучактап жатып, колуктусуна суроо узатты:

- Бермет.

- Ийи.

- Мен сени катуу сүйдүм, жаным, а сенчи?

- Билбейм.

- Ушунча жашка чыксаң да таптаза жүргөнүңө рахмат.

- Кандай болуш керек эле?

- Деги айтам да, мен үчүн сактап жүргөн актыгыңа ыраазымын.

- Сенин аялың эмнеге кеткен?

- Ошону ойлонуп капасыңбы?

- Жо-ок, билгим келет.

- Мен аны сүйгөн эмесмин.

- Бала үчүн жашоого болбойт беле, ортоңордо бир бала болгон соң жашасаңар болмок.

- Өзүнөн кетти.

- Эркектер күнөөнү аялдарга гана жүктөп, суудан кургак чыкмайыңар бар экенин жакшы билем.

- Койчу, жаным, өткөндү эстегим да келбейт.

- Биздин бактылуу болоорубузга ишенесиңби?

- Ишенем.

- Менин бийик-бийик максаттарым бар эле.

- Кааласаң шаарга кетели.

- Ата-энебиз каршы болбойбу?

- Жок, мен жалгыз эмесмин, анан дагы жаш эмесмин, өз бетимче жашоого акым бар.

- Анда кетели.

- Кандай максат, билсем болобу?

- Актриса болуу.

- Кызык экен, ошондо театрда иштейсиңби?

- Ооба.

- Бермет.

- Ийи.

- Артисти ата-энем жактырчу эмес эле.

- Ошонусу жакшы.

- Эмнеге?

- Менин жолумду эч кимиң тоспойсуң.

- Аны кандайча түшүнсө болот?

- Мен сени менен жашагым келбейт.

- Кантип эле…

- Ушинтип эле, өзүң айтпадыңбы, ойлонуп иш кылыш керек болчу, менде сага деген сүйүү болбогон соң жашоо кыйын болот.

- Андай дебе, Бермет, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйдүм, каалаганыңды жаса, мен эч кандай каршылык кылбайм, - деп Амантур келиндин бутуна чөгөлөмөк болуп даяр турду. Бермет эркектин талуу жерин байкады, алсыз, аял алдында жөргөлөп жүрөгүн төшөөчү эркектен экенин билди да, өз максатына жетүүнү ойлоду. "Демек шаарга кетүүгө көндүрүш керек, макул болсо жашай бергенге болот", - деген чечимге келип:

- Сен мени кыйнаба да, акырындык менен көнүп кетем, балким сүйүп да калаармын, - деди сырдуу жылмая.

- Макул, жаным, сен айткандай болсун, эгерде шаарга баргың келсе мен атамдарга кеңешейин, анан көчүп кетели.

- Аякка барганда батир жалдайбызбы?

- Жок, мен өзүм там сатып алам, атам каршы болбойт.

- Анда баары жайында, жакында киного тартылуум керек эле, ошого үлгүрүшүм керек, - деп Бермет митайымдана Амантурга момурай кайрылды. - Апамдарга мен эмес өзүңдүн каалооң экенин айткын ээ?

- Болду, жаным, бул маселе чечилди дей бер.

- Ишендим, - деди Бермет наздуу жылмайып. Андан кийин түн пардасы жубайларды өз кучагына алып, эрди-аялдын милдетин аткарып, бири-бирине лаззат тартуулоо менен ысык кучакташуу, чоп-чоп эткен өбүшүүлөр гана бөлмө ичинде угулуп турду. Ошондон көп өтпөй Берметтин үйүнө Малика келип калды. Аны менен сүйлөшүп отуруп:

- Малика, биз шаарга кеткени жатабыз, - деди Бермет.

- Эмнеге?

- Мен ишимди улантуум керек, күйөөгө тийдим деп кала бермек белем? Адам өз максатын ишке ашыруу үчүн ар кандай амал колдонуусу керек, курбум. Анын үстүнө меникилер сенин кайненең сыяктуу жалгыз эмес, баары бар, караганга муктаж эмес, топтошуп эле жүрө бермек белек? Ойлосоң, эки келин, эки баласы, кайнене-кайнатам, неберелери болуп бир үйдө он чакты адам болот экенбиз. Андан көрө шаарда болгонубуз дурус эмеспи?

- Өзүңөр билесиңер да, Амантур байке макул болдубу?

- Кайда бармак эле, кайнагаң менин бутума жыгылууга даяр турат, кабак бүркөп калсам байкуш карегим менен айланат тим эле, - деп мактана кетти. Малика курбусуна таңгалып турду: "Адамдын чыныгы жүзүн билүү кыйын тура, Берметти ушундай деп ойлогон эмес экенмин. Мынча тез өзгөрүп кетишине эмне себеп болду экен, же мен байкабай жүрө берсем керек", - деп ойлонуп калганда Бермет: - Малика, сен бекер убакытты уттуруп жатасың, эки киного тартылып койсоң жылдыз болуп чыга келет элең, - деди.

- Бермет, менин жылдыз менен ооруган оорум жок, кайсы бир акын айткандай, эч нерсеге теңегис, эч нерсе менен баалангыс эне деген наамга гана татыгым келет, - деди ойлуу.

- Өзүң бил, алдагы чырайыңды, бой мүчөңдү Айдарга гана энчилөөгө даяр экениңди мурда эле билгем, бирок сендеги улуу максат, кудай берген талант өлүп жатпайбы?

- Бирок адамдыгымды сактап калам, жалгыз уулунун гана урмат-сыйын көрөөр мезгилде апамды таштап басып кетпейм, мен дагы энемин, анын үстүнө кош бойлуумун.

- Ыраспы? - Бермет курбусун кубанычтуу карады.

- Ырас, али билинбегени менен бешинчи айга кетип баратат.

- Койчу, билинбейт го?

- Узун бойлуу аялдын бою көтөрөт да, Өктөмдү да ушундай көтөргөм, эч ким мени боюнда бардай сезбейт, - деп Малика жылдыздуу жылмайып койду. - Кой, мен барайын, Өктөмдү англис тилинен мугалим жалдап окутуп жаттым эле.

- Бара гой, курбум, кете турган болсок айтып кетем.

- Макул, сүйлөшүп турабыз. - Бермет Маликаны узатып коюп, бир аз жумуш жасаган болуп жүрдү. Бүгүн Амантур кеткенге даярдык көрүп, мал сатканы базарга кеткен. Атасы Акбар Амантурдун шаарга кетебиз дегенине бир аз капа болгону менен кичүү келини менен Берметтин батыша албасын сезип, макул болгон. Айдар болсо шаарга барып, жумушунан бошоп келгени кеткен, бир жумадай кечигип калды. Ошол кезде Айпери келди. Ал Адилет менен Азиретти алып кетем деп келген экен. Седеп жакшы аял эмеспи, жай түшүндүрүп:

- Балам, сен эми балдарды тим кой, үй-бүлөң бар, Айдар өз атасы, сага кийин өздөрү каттап калаар, - деди.

- Эмне экен, мен өз энесимин, алып кетүүгө акым бар.

- Ырас өз энесисиң, бирок күйөөң балдарды сүйбөс бекен?

- Чоң эне, биз баары бир барбайбыз, - деди кирип келген Адилет. - Балдарын ойлосо атам менен тынч жашабайт беле, өзүндө күнөө, күйөөгө тийип алган! - деп кайра чыгып кеткенде Айпери уу тилин агытты:

- Силерди өгөй энеге кор болбосун деп жатам, арамдан туулган кызын сүйрөй келген неме силерди жакшы көрмөк беле?

- Ай-ай, Айпери, андай дебе, балам, Өктөм өзүмдүн эле неберем. Айдарга сени болбой алып берген күнөө бизде, андан көрө ошол күйөөң менен тынч жашап, бактылуу бол, - деди Седеп жини келе. - Кеткен катын тынч кеткени дурус, күптүң бардай келип, балдарды шылтоо кылганың болбойт.

- Ийи, мени ала электе шаардан үйлөнүп алган бекен, актанбай эле койсунчу, эрсиз жүргөн бир сойкуну алып келгенге жетине албай калгансыңар го? - деп кекете карап тура берди.

- Бир кезде менин бактымды уурдап бактылуу болом дедиң беле? Жо-ок, сенин жаныңда болгону менен Айдардын жүрөгү он эки жыл бою мени менен жашады, ошол он эки жыл ичинде өзүңдү сүйдүрүп алсаң болбойт беле? Сүйүү оңой, сүйдүрүү кыйын, азыр мен эки баланын дагы сүйүктүү энесимин, колуңдан келсе алып кет, эгер колуңдан келбесе кайрылып келчү болбо! - деди ичтен чыга калган Малика. Айпери аны көрүп, оозунан сөзү түшүп калды. Маликанын жарашыктуу мүчөсү, кымбат баалуу халаты, жоолугу өзүнө жарашып, аккуунукундай узун мойну койкоюп турган. Көргөн жанды апкаарыткан келбетин көргөндө Айперинин ичи тарып да кетти. Бир топтон кийин өзүнө келип, сандырак сөздөрүн кайра баштады:

- Сүйөт имиш, бир көрүп жолдо жүргөн жериңден жабышкандырсың, жанагы эшек баш өңүңө азгырылып арам сийдик кызың менен жетелеп келгенге өзүңдү кыйын сезип жатасыңбы, жалап?!

- Азыр чыгып кетпесең алдагы чачыңдын бир талы да калбайт, балдардан айланган салынды! - деп Малика мууну калтырай көздөрүнө тикирейе карап, Айперинин маңдайына келди. - Кана, дагы кайталачы, менби же сенби, балдарын таштап эрге тийе качкан?!

- Балакетимди ал, ошол эшек баш сага эле буйрусун, - деп Айпери бурулуп басып кетти.

- Кой, балам, теңелбей эле койчу, кирип кет үйгө, мен аны кетирейин, - деп Седеп Маликаны киргизип ийди да, өзү Айперинин артынан басты. Айпери жулкунуп барып, ойноп жаткан Азиретти колунан алды:

- Бас, кеттик, мен силерди биерге бир мүнөт да койбойм!

- Барбайм, - деп Азирет колун бошотуп, качып кетти.

- Эмне кыласың бизди, бар күйөөңө бара бер, биздин апабыз бар, ал сендей эмес, - деди Адилет жини келе карап.

- Ок өлүгүңдү көрөйүндөр десе, мен төрөп бактым эле го силерди, мейли бага берсин, эсиңерге келгенде өзүңөр эле таап аласыңар, - деген бойдон Айпери ыза болуп кетип жатты. Малика анын сөздөрүнө анча кебелбеген менен бир топ ыза болуп калды. Өктөм үй ичинде окуу менен алек болуп жаткан. Маликанын алгачкы ой-максаты Өктөмгө мектептерден окугандыгы тууралуу справкаларды жыйнап, өз жашындагы класска киргизүү болуп жатты. Өктөм өтө зирек болгондуктан шар окуп, бүт окуу китептерин окуганга жетишип калды. Бир аз математикадан кыйналып жатты, ал эми англис тилин болсо тез үйрөндү. Бир жыл ичинде жалаң гана окуу менен алек болуп, өзү да тырышып жатты. Айдар бир жумадан өткөндө гана келди. Айперинин келгенин башкалар ага ооз ачып айтышпаганы менен Азирет айтып койду.

- Ата, апам бизди алып кетем дегенде барбай койдук.

- Качан келди?

- Үч күн мурун, - деди Седеп жай.

- Башка эмнем деди?

- Эчтеке, эмне демек эле, эне эмеспи, балдарына келген да.

- Ошонун азабы өттү, ачык эле балдарды бербейбиз дебейсиңби, апа.

- Өзү да эми кайрылып келбес болуп кетти.

- Келбесин, жиниме тийсе соттошуп, балдарга келгис кылып койом, эки күндөн бери адвокат менен жүрдүм, - деп Айдар Маликаны карады. Ал эч нерсе болбогондой жадырай карап, тамак сунду.

- Кардың ачкандыр, тамак ичип ал.

- Ачпай анан, соттон ишим бүтсө болду эле.

- Жумушуң эмне болду?

- Чыктым, кийинки жумада барып эсептешем.

- Жакшы болуптур, балам, мал менен эле жашасаңар болот да, - деп Седеп кубанып алды. - Шаар деп качкан менен айылдан өтөөрү жок.

- Тынч гана жашаш керек ээ, апа? - Айдар күлүп койду.

- Анан эмне, балам, тынч жашаганга жетеби, балдарыңар чоңоюп келе жатат. Адилет быйыл алтынчыга окуйт, Азирет төрткө окуйт, Өктөмдү мектепке киргизип алсаңар, анан отура бересиңер, мал кудайга шүгүр.

- Макул, апа, сени укпаганда кимди угам, баса, бизди кайната конокко чакырды, келээрки жумада барышыбыз керек.

- Кокуй, камыныш керек да, мал алып келип сат анда.

- Ооба, апа, өзүмдө да акча бар, эсептешип келгенимде мал-сал сатпай эле жетмек, - деп Айдар Маликага карады. - Венера апабыз да андан кийин коноктомок болду.

- Мейли, - деп койду Малика. - Баса, Амантур байке шаарга көчмөк болуп жатыптыр го?

- Эмнеге? - Айдар чочуп кетти.

- Билбейм.

- Аа-а, балам, бир үйгө келиндердин батышы кыйын, агаң улуулата бөлөйүн дегендир да, - деди Седеп кепке аралашып.

- Акбар байке өзү макул болуптурбу?

- Ооба.

- Шаарда үйү жок кантишээр экен?

- Үй табат да, - деп сүйлөшүп отурушту. Седеп Маликага өзүнүн сандыгын ачып, кийит-кечесин көрсөтүп, ылайыктуусун тандап алып даярдашты. Азирет эшиктен кирип келип:

- Ата, шаардагы үйүбүзгө качан кетебиз? - деди.

- Эмне айыл жакпай калдыбы, уулум?

- Аякта менин досторум бар да.

- Чоң апаң жалгыз калбайбы биз кеткенде, - деп Айдар уулун карап күлүп койду.

- Анда барбайбызбы?

- Жо-ок, уулум, сен окуп жатпайсыңбы?

- Балдар жакпайт, кыштактын балдары жаман, мен алар менен окугум келбейт, - деп сыртка жүгүрүп кетти.

- Буга бирөө катуу айткан го? - деп Айдар Азиреттин артынан чыкты. Азирет ыйлап турган экен, - Уулум, сени бирөө капаланттыбы?

- Жок.

- Мен сенин атаңмын, ким жаман айтса же урушса мага сөзсүз айтышың керек, - деп Азиретти бооруна кыса чачынан сылап өптү. - Сен жакшы баласың да, кана, мага айтчы, ким капа кылды?

- Ата, апаң силерди таштап кетти дешип жатат балдар, апам кетпесе сен башка аял албайт элең, туурабы? - Ыйлап жатып суроо берди.

- Ооба, балам, анан урушуп өзү кетип калганын өзүң көрдүң го?

- Эмнеге ал бизди таштап кетти?

- Капа болбо, балам, сен эстүү баласың да, Адилет деле жакшынакай болуп жүрбөйбү, сен жигит болуп калбадыңбы?

- Ооба, мен Адилет акемдей болом, мен дагы укпайм балдардын айтканын.

- Азамат, менин уулдарым ушундай акылдуу да, мен силерди абдан жакшы көрөм, уулум, мындан ары минтип ыйлабай жүр ээ?

- Ооба, эч качан антпейм, - деп Айдарга кубанычтуу карады Азирет.

- Адилет ойноп жүрөбү?

- Ооба.

- Анда барып ойной бер, биз конокко барууга даярдык көрөлү ээ?

- Макул, ата, - деп Азирет жүгүрүп кетти. Айдар ойлуу үйгө кирди.

- Эмне болду, балам?

- Ээ, апа, балдардын арасында ар кандайы бар да…

- Бирдеме дептирби?

- Ооба, апаңар силерди таштап кеткен деп коюптур.

- Олда чычымдар ай, жөн жүрүшпөйт экен го, балдарым ыза болгон тура. - Седеп кейип калды.

- Эчтеке эмес, бала неме көнүп кетет, биз көңүлүн тапсак баарын унутат, - деп Малика жайгарды. Ошону менен эч кимиси үндөгөн жок. Адилет бир аз чоңойо түшкөнгө көп сүйлөбөйт, өзү менен өзү, сабагына барып келип, жүрө берди. Айдар балдарынын башкача болуп баратканынан улам көп ойлончу болду. Шаарга кетип калгысы келет, апасын кыя албайт. Акылбектер чакырып коноктошту, Маликаны сыйлап, Алтынай ага айланып-кагылып эле жүрөт. Болгону Венера менен тил табыша албады, аны көргөндө кайдыгер адамдай болуп калды. Коноктон келгенден кийин Айдар:

- Апа, балдар улам чоңойгон сайын башкача болуп баратат, сен биз менен кетсең шаарда эле болсокчу? - деди бир күнү.

- Ыя, балам, мен шаарга эмнеге барам?

- Биерден балдар жаман болуп кетти, шаар жеринде эчтеке менен иши жок болуп калат эле…

- Силер балдар менен бара бергиле, биз Жайкал экөөбүз эле жашай берели, балам, - деди Седеп ойлуу. - Балдарың ырас эле чоңойгон сайын өзгөрүп баратат.

- Силерди таштабайм, эсине кирип калаар…

- Апа, сиз капаланбаңыз, балдар эсине кирет, кантип таштап кетели? - деп күлө карап койду Малика.

Ошондон көп өтпөй эле Седеп укмуш түш көрдү. Түшүндө Тагай экөө ээрчишип жүрүптүр, Айдар менен келини Малика колдоруна бүркүттүн балапанын кондуруп алып, көкмөк болгон тоонун үстүнө жетелешип алып чыгып баратат. Балдарынын артынан барайын дегенде күйөөсү: "Болду, кемпир, балдар өздөрү тоого чыга берсин. А сен мени менен бирге бол, кетели экөөбүз, мен сени күтө берип жададым", - деп жетелеп жөнөдү. "Балдарымдан санаам тынбай кантип кетем, бир-эки жыл койо тур", - десе: "Болбойт, кемпир, балдарыбыз абдан бактылуу болот, буйруса төрөлөөр неберебиз жакшы чыгат, кеттик, кемпир, кеттик", - деп болбой эле ээрчитип кетип жатканда чочуп ойгонуп кетти. Өпкөсү көөп, жүрөгү лакылдап калган экен. "Байкуш Тагай, менсиз аякта жалгызсырап жаткансың го, менин да бул жарыктыктан кетээр мезгилим келген экен", - деп эптеп туруп, суу ууртап келип жамбаштай ойлонуп жатты. Ошол убакта Маликанын толгоосу башталып, Айдар машинесин от алдырып жаткан. Седеп чыга калып:

- Эмне болду, балам? - деди.

- Маликаны төрөтканага алып барам, апа.

- Кокуй, толготуп калдыбы?

- Ооба, апа, жата бер, өзүм жеткирем.

- Балам, мен дагы барайын…

- Жок, кыйналбай жатып уктай бер, мен жеткирип кайра келем, уктай бер.

- Ботом, кантип уктамак элем, жанында болоюнчу, - деп Седеп уул-келининин бөлмөсүнө кирсе, Малика зорго эле чыдап отурган экен.

- Айла-анайын, кудай оңоюнан берсин, уул төрөйсүң, садага, уулуңар жакшы адам болот, - деди келинин чекесинен өөп. Айдар кирип Маликаны колтуктап чыгып, унаасына отургузду да, жөнөп кетти. Седеп неберелерин бир карап коюп, өзү жаткан бөлмөгө кирип кыңкайды. "Аман-эсен көз жарып алсын, айланайын. Ушул келинимден сый көрүп бараттым эле, келиндин эми чайын ичээрде кайран өмүр кыскарып бараткан экен. Болгону сегиз ай болду эле, жаңы төрөлгөн наристеси торолуп, басып калганда...", - деп оюнун аягына чыкпай калды. Жанында жаткан Жайкал тура калып:

- Эже, ойгосузбу? - деп сурады.

- Ооба, сен дагы ойгондуңбу, Маликаны төрөтканага алып кетти, эсен-аман көз жарып алса экен.

- Кудай сактап оңоюнан берсе төрөп алат, эже, сен барган жоксуңбу?

- Айдар болбой койду, бүжүрөтүп ээрчитип жүрөйүнбү деди окшойт, кыйналып калат деп аяйт, садагаң.

- Туура, ал аябаганда ким аяйт, эже, өзүң да карып-арып баратасың, - деп кейий онтолоп эшикке чыгып кайра келди. - Малика уул төрөйт.

- Ооба, эркек төрөйт, аман болсун.

- Ырысың бар экен, эже, келиниң жакшы болду, Айперинин кеткени дурус болуптур, болбосо Маликаны Айдар алып келбес эле.

- Ооба десең, ырас кеткен экен.

Эже-сиңди көпкө сүйлөшүп отуруп, таң да атып кетти. Ошол кезде Айдар келди, ал эшиктен кирип эле:

- Сүйүнчү, апа, уулдуу болдум, - деди.

- Болсун, айланайын, болсун, аман болсун, боосу бекем болсун, Маликанын абалы жакшыбы?

- Жакшы эле, апа.

- Бечарам, пейли жакшы келинимдин, кудай бере турган жан.

- Маликам акыл-эстүү жан, - деп Седеп жетине албай жатты. "Садагаң кетейин десе, Адилетти төрөгөндө мынчалык сүйүнгөн жок эле, кантсе дагы өзү каалаган адамынан балалуу болбодубу, бактылуу эле болушсун", - деп ойлоп акырын туруп барып, Өктөмдү тургузду.

- Тура гой, кызым, апаң уул төрөптүр, төрөтканага чогуу барып апаңды, иниңди көрүп келели.

- Апам төрөдүбү, чоң эне? - деди уйкулуу көзүн ушалаган Өктөм.

- Ооба, уул төрөдү, - деп Седеп түндөгү түшүн кайра-кайра эстеп: "Жараткан, жашка тойдум, балдарымдын бактысын кемите көрбө, балдарымдын амандыгын бер, өмүрлүү болушсун, неберелериме ырыскыны мол бер, жаман сөздөн, жаман көздөн, ниети жамандын оюнан сакта", - деп оор улутунуп алып, Жайкал отурган бөлмөгө кирди. - Ээ, Жайкал, сен уктап калдыңбы?

- Жо-ок, кайдан уктамак элем?

- Анда эттен алып тамак жаса, Маликага барып көрүп келели, - деди. Анан өзүнчө эле түйшөлө берди. Өмүргө жаңы келип, жарыкчылыкты көрүү өзүнчө майрам болсо өмүрдөн өтүү ошончолук оор болсо керек, албетте өлөөрүн билген адамга. Седеп да бир жерден экинчи орунга көчө тургандай өзүн даярдап жатты. Жайкал жакшылап тамак жасады, Өктөм чай алып келди. Айдар Азирет менен Адилетти ойготуп:

- Тургула, балдарым, инилүү болдуңар, - деди эркелете.

- Айи-ий апам эркек төрөдүбү, ата? - деп Азирет кубанып кетти.

- Ооба, уулум.

- Ата, атын мен койом ээ? - Адилет да ыргып туруп, атасын карады. - Мен атын Каниет койом.

- Эмне? - Айдар таңгала карап калды.

- Каниет жакшы да, Адилет, Азирет, Каниет уйкаш болот, - дегенде Айдар кубана уулун чекесинен өөп:

- Садагаларым, иниңердин атын өзүңөр койгула, - деп сыртка чыкты. "Туура айтат, Каниет-Каниет, да-а жакшы ат экен, баарына каниет кылыш керек. Демек балдарымдын айтканын жасайм, Малика каршы болбос", - деп ойлонуп апасы жаткан бөлмөгө кирсе ал отурган экен. - Ээ, апа, неберелериң Каниет деп койобуз дейт баланын атын, туура болобу?

- Ии, ботом, болбой анан, жакшы ат тандаптыр, айланайындарым.

- Ики, мен таптым, ойлоп жүргөм, - деп эдиреңдеп кирип келди Адилет. - Азирет үчөөбүздүн атыбыз окшош болот да.

- Айланайын десе, окшошунан дагы мааниси жакшы экен, Каниет деген жакшы ат.

- Ур-ре-е, мен жакшы ат тааптырмын! - деп Адилет кубана сыртка чыгып кетти. Бир аздан кийин тамак-ашты көтөрүп алып, Седеп менен Өктөм Айдардын машинеси менен төрөтканага келишти. Малика жаңы эле туруп, баласын эмизип отурган. Тапырап үчөө кирип келгенде жылмая карап калды:

- Бешик бооң бек болсун, балам, аман-эсен бошонуп алдыңбы? - Седеп келинин чекесинен сүйүп, небересин колуна алды. - Ушу жаманды көргөнүмө каниет кылам, балам, Адилет бул жамандын атын Каниет деп койгула дейт, сен эмне дейсиң, балам, жагабы?

- Жакшы экен, Адилет койсо демек жарайт, Каниет…

- Сен ойлонуп кеттиң Малика, - Айдар аялын карап калды.

- Айдар, ушуга да каниет кылам, деги таап айткан экен Адилет, мен баарына каниет кылып бактыма кубанып отурам, - деди Малика уулун телмире карап. Өктөм наристени колуна алып, аяр өөп жатты. "Мен ушундайымда апамдан ажыраган экенмин, эки айымдан баштап баккан Зууракан апам эмнеге мени таптакыр жакшы көрө алган жок. Чын эле мени акча табыш үчүн уурдаган болсо керек, эмнеге адамдар ушундай болушат", - деп кышында үшүп-тоңуп кайыр сурап отурган күндөрүн эстеди… Бир күнү аябай тоңуп калтырап келсе алдынан чыккан Зууракан:

- Эмнеге эрте келдиң, өлө тургансыбай отура турбайт белең? - деп заарын чача колундагы акча салынган пакетти жулуп алган.

- Апа, үшүп кеттим, - деп көздөрүн жалдырата караганда жонго бир муштады.

- Өлүп кана кеткир, үшүгөндөн өлбөйт, акча болбосо кардың кайдан тоймок эле, кыйшыңдабай кирип жылын да, жабышып жат, эртең эрте турасың, - деди булкулдай. Ошондон кийин көпкө ойлонуп жүрдү.

- Өктөм, кетели, кызым, - дегенде оюнан адаша түштү. - Баланы апаңа бер, - деп Айдар жылмая карап турган экен. Ороодогу көзүн ача элек наристени бир өөп алып, апасына берди да, атасынын артынан чыкты. Алар үйгө келгенден кийин чай ичишти. Жайкал кир жууп жаткан экен, Өктөм ага жардам берейин деди эле болбой койду. Седеп өзү жуунмак болуп суу койду, балдар ойноп кеткен. Өктөм окуткан мугалими келгенинен төркү үйдө окуп жатканда Седеп Жайкал экөө сүйлөшүп отурду.

- Жайкал, мен эми кай күнү болсо да силерден бөлүнөөрүмө аз калды, - дегенде Жайкал чочуп кетти.

- Эмне деп жатасың, эже?..

- Сен токтоо бол эми, балдарга баш-көз бол, ушуларды караан тут, арка бел бол, Жайкал, - деди Седеп ойлуу. - Мени түндө түшүмдө жездең алып кетип жатыптыр, бир жуманын ичинде кетем. Малика келсе жаш төрөгөн немени карап кой, Айдарга акыл-насаат айт. Кокус шаарга кетебиз десе сен бул үйдө эле кал, бая күнү сага тиги Шамалбек жуучу түштү эле, аны менен эптеп жашаганга аракет кыл, ал жакшы адам, алтымыштан аштың эми, өзүңдү карап бак.

- Эже, жүрөгүмдү оорутуп ийдиң, Шамалбек өзүмө деле айткан, жашым өткөндө күйөөнү эмне кылам?

- Мен түбөлүк жүрө бермек белем, сен жалгыз каласың, Айдар менен Малика жакшы караса го балдарына каралашып жүрө берсең болот. Мен өлгөндөн кийин кандай болоорун билбейм, кабатырланганым сен, бир боорум.

- Анчалык муңдуу болбочу, эже, түшкө ар кайсы кире берет эмеспи, кудай сактасын, - деп Жайкал үндөбөй калды. Экөө төрөлгөндөн эки кыз, бири-бири менен баштатан ынтымактуу, сырдаш.

Малика төрт күн жатып, үйгө чыгып келди. Адилет менен Азирет ымыркайга кызыгып көтөрө коюп, жанынан чыкпайт.

- Апа, көзү ачылбайт го?

- Кичинекей да ээ?

- Ыкы, чоңойсо көзүн ачат да.

- Көптөн кийин чоңойобу, апа?

- Ийи, көптө чоңойот, балам, анан силер ойнотосуңа-ар, - деди Малика экөөнө мээримдүү жылмайып. - Кийин жетелеп бастырасыңар.

- Качан басат? - Азирет суроолуу карап калды.

- Күздө басат, адегенде күлөт, андан кийин апа, ата дейт, анан отурат, жөрмөлөйт, андан кийин кас-кас туруп басат, сүйлөйт.

- Оо-ийий, көптөн кийин басат тура.

- Силер да ошенткенсиңер да, ар бир бала төрөлгөндөн баштап ошондой чоңойот, - деп балдардын ою менен болуп, түшүндүрүп жатканын көргөн Айдар келинчегине ыраазы болуп турду. "Неге тагдыр бизди аябай азаптардан кийин кошту, байкушум кыйноону көп тартты, эми бир да жолу капаланбай турган кылам, алтыным десе, ушул балдар экөөбүздүкү гана болгондо эмне", - деп карап туруп, кайра чыгып кетти.

- Өктөм эжем да ошентип чоңойду беле? - Азирет кызыга сурады.

- Мм…

- Айтсаңчы, апа, Өктөм эжем дагы ушундай кичинекей беле?

- Ооба, - деп Малика улутунуп алды. "Өктөмдүн күлгөнүн, апа-ата деп алгач айтканын, тамтуң басканын, балдыр тилин баарын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен укпадым", - деп телмирип отуруп, көзүнөн аккан жашты сезбей калды.

- Апа, эмнеге ыйлап жатасың? - деп жиберди Адилет.

- Аа-а, - Малика жашын аарчып, шашып калды. - Мен, мен апамды эстеп кеткен турбаймынбы?

- Апаңыз өлүп калды беле, же таштап кеттиби, апа?

- Ыя? - Маликанын жүрөгү зырп этип алды. - Өлүп калган, уулум.

- Ошого ыйладыңыз да ээ? - Азирет дагы кабак бүркөй карады.

- Ооба, садагаларым, ошого ыйладым, - деп Азиретти кучактап өөп койду. Анан балдар чыгып кетти. Малика баласын эмизип жаткырып коюп, оозгу бөлмөгө чыкты. Жайкал аны көрүп:

- Кокуй, бели-башыңды таңсаң боло, сен жаш төрөгөн аялсың, жылуу жүрбөсөң ооруп калышың мүмкүн, - деди кейип.

- Эже, эчтеке деле болбойт, - деп Малика иш кылмак болду. Жайкал ага каршы болуп койду, Айдар сыртта мал менен алек, жанында эки уулу, алар чөптү бешилик менен ташып берип жүрүшөт. Малика жакшы тыңый албай жүргөн. Бир күнү түшкө жакын баары чогуу чай ичип отурушкан. Седеп эчтеке ичкиси келбей жамбаштап жаткан, дасторкон жыйылгандан кийин Жайкалга:

- Мени жуунт, Жайкал, кийим-кечемди котор, - деди.

- Азыр суу жылыта калайын.

- Ошент, жанымда бол, жан чыгаарда жан күйөөрүм жанымда болсо дейт экен өмүрдөн өтөөр алдында. Жанымдан чыкпа, садагам, Малика жаш төрөгөн неме чочуп калбасын. Сандыктын түбүндө жыртышка деген кыжым бар, ошону тараткыла, атайын актыгымды өзүм алып койгомун, мүрзөмдү казгандарга бере турган акча бар, баарын өзүң бүтүр, Айдарыма көз бол, - деп оор үшкүрүп алды да, чечинип жуунуп, Жайкалдын жардамы менен кайра кийинип, калыңдап салынган төшөккө башын бийик койдуруп, жатып калды. Кудум айылга барчудай болуп жасанып алган. Айдарды чакырып:

- Уулум, кокус көзүм өтүп кетсе Жайкалга жакшы кара, - деди.

- Апа, азыр андай дебечи, Жайкал таежемди ансыз деле өзүм жакшы көрөм го. Адилеттин үйлөнгөнүн көрүп, чөбүрөңдү колуңа алып, төрдө балпайып отурсаң биздин бактыбыз ошол эмеспи. А таежемден кам санаба, - деп күлүп койду. - Эмне бир жакка барасыңбы, апа, жасанып алыпсың?

- Барсамбы дедим эле…

- Мейли, айылчыласаң көңүлүң ачылат, - деп коюп чыгып кетти. Ал апасынын бул дүйнөдөгү эң кымбат адамдары менен купуя гана коштошуп жатканын, жакшынакай туруп эле заматта апасы дүйнө салаарын сезген жок. Жайкал Айдар чыгып кеткенден кийин эжесин колунан кармап өөп:

- Эже, жаман айтып көңүлүңө кир калтырсам кечир, менин сенден башка эч кимим жок, мени жалгызсыратпай жанымда болсоң болот эле, - деп ыйлап киргенде Седеп:

- Эстүү элең го, садага, уялашпыз экөөбүз, сырдашаарым-сыр катаарым да өзүң. Өмүрү сага нааразы болгон эмесмин, сени жок дегенде бир бала же кыз төрөп алса экен деп ыйлап да жүрдүм, айла жок согончогуңдун канабаганы мени дагы санаага салды, - деп үшкүрүп ийди. Ошол кезде босогодон кадимкидей эле күйөөсү Тагай көрүндү. - Сен мага ыраазы бол! - деп баратып эле өңү бузула жөөлүп калды. - Тагай, келдиңби, мен дагы сени күтүп жаттым эле, - дегенде Тагай анын жанына келип, колун сунду. Демейде онтолоп ордунан зорго турчу Седеп дароо туруп, Тагай менен жетелешип кетип жатты. Анын жүзү бозоруп калганда Жайкал:

- Эже, ыраазы бол, балдарыңа ыраазы бол, эже! - деди, Седеп бир көзүн ачты да:

- Ыраазымын! - деп шыбырай башы шалк эте түштү. - Эже-е! - деп Жайкал бакырып басып калды. - Эже, айланайын эжекебай! - Анын үнүн угуп, Айдар эшиктен, Малика төркү үйдөн чыгып жетип келишти. Ошентип Седепти сексен экиде деп жерге беришти. Айдардын апасынын өлгөнүнө ишенбей кайгысы күчөп, каңырыгы түтөп турду. "Кантип, өз көзүм менен көргөндө жакшынакай эле болчу, өлөөр адамды эч ким билбейт тура, аттиң, жанында отуруп турсам болмок экен", - деп баш көтөрбөй ыйлап жатты. Азирет менен Адилетти да боз үйдүн тушуна отургузуп, ыйлатып койгон. Алымбү менен Шарипа келди ботодой боздоп, Седептин жакшынакай туруп кете бериши баарына табышмак болду. Жайкал аларга жетилиги өткөндөн кийин айтып берди.

- Ыраазылык сурай албай калганыма өкүнөм, - деди Айдар ыйлап отуруп. - Неге мага деле айтып койбоду, жакшылап коштошуп калбайт белем?

- Силер үчүн да ыраазычылык сурадым, садага, ыраазымын деп эле кете берди. Тагай келдиңби, мен дагы сени күтүп жаттым эле деп үзүлдү.

- Апакем ай, эми кичине келиндин сыйын көрө баштаганда…

- Көп эзиле бербе, садага, көз жаш ага оор келет, андан көрө куран окуп тур, курандан башка пайда жок.

- Арбагы ыраазы болсун, неберелерин көрдү, турмушумдун оңоло баштаганына көзү жетип кетти, тиги дүйнөдөн берсин, - деп тунжурап калды Айдар. Малика деле жаман болду, адатта келиндин ыйлап-сыктаганына көңүл деле бурбайт го эл, өз энесин, баккан энесин, өзүн көрбөй жашында өтүп кеткен атасын ойлоп аябай кыйналды Малика. Кайненесине тигил дүйнөсүн беришин тиледи кудайдан. Төрт бала менен үй-бүлө машакатын тартып, бактылуу жашап келет. Жайкал алардын апасындай эле камкор, эмне кылсын, өзүнө бир туяк буйрубаган соң өмүрүнүн акырында бир тууганынын балдарын эрмек кылып, баш-көз болуп күн көрүп жатты. Убакыт бат эле өтүп, Седептин жылдыгын өткөрүштү. Бир күнү отуруп Малика:

- Шаардагы үй эмдигиче чирип кетти бекен, Айдар, же тонолуп бүттүбү, кабар албай да калдык, - деди.

- Мен барганда жатып жүргөм, андан бери эч ким кире элек, көрүп коюш керек эле, - деп Айдар дагы өзүнүн үйүн эстеди. - Чоң үй дагы ээн турат, бир барып көрүп коюш керек.

- Сен көрүп кел.

- Макул, көрүп келейин, эгер ылайыктуу бирөө болсо киргизип койсок кантет, Малика?

- Жакшы болот эле, балдар чоңойсо эмеле үй керек болот.

- Туура, - деп экөө кеңешип отурганда эшиктен бирөөлөрдүн келе жаткан дабышы чыкты. Адилет чыга калып:

- Амантур байкелер келди! - деди.

- Кандайсыңар? - деп Бермет кирди алды менен, колунда көтөргөн баласы бар.

- Ассало-ом алейкум, кайгыңды бөлүшөм, Айдар, - деп Амантур кирип, Айдар менен учурашып, төрдөн орун алышты. Куран окулуп, Бермет алып келгендерин ортого койду. Кийит-кечесин жайып, ак жоолукту Маликага салып, калпакты Айдарга кийгизген соң:

- Мындан ары жаманчылыктан алыс болгула, ылайым уул-кызыңардын татыктуу, ынтымактуу ата-энеси болуп жүрө бергиле, - деп экөөнү тең өөп, кайра ордуна отурду. Каниет тамтуң басып калган. Берметтин баласы сегиз айлык экен, жөрмөлөп жаны тынбай турган кези экен.

- Иштериң кандай? - деди бир топтон кийин Малика Берметке кайрылып.

- Өзүбүз жакшы элебиз, ал эми бала менен эч жакка бара албай калдым.

- Ушул да жакшы эмеспи, аты ким? - деп сурап, баласын колуна алып өөп койду.

- Арзыбек деп койдук.

- Жакшы ат экен.

- Өзүңдүн балаңдын аты ким?

- Каниет.

- Жакшы ат экен, мындай атты кайдан таап аласың билбейм, - Бермет күлүп калды. - Өктөм деген атты эмнеге койгонсуң, жаңыча аттан койсоң болбойт беле?

- Мен жалгыз калдым, өзүмдү-өзүм жашоого үйрөттүм, апама айтуудан тартындым. Анан ойлонуп туруп, атын Өктөм коюшум керек, өктөм болбосом мени ким сактайт деп ойлодум, - деди ойлуу Малика. - Өктөм деген начар атпы?

- Жо-ок, деги айтам да.

- Каниет деп Адилет койду, ойлоп отурсам абдан жакшы туюлду, азап-тозоктун баары өтүп, калган жашоомо каниет кылып калганда төрөбөдүмбү?

- Туура, - деп Бермет күлүп калды. Бул убакта Айдар менен Амантур өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту. Жайкал төрдө Каниетти алып отурат. Малика келгендерди коноктомок болду, казанга эт салып, өз ишине киришти. Өктөм ошол кезде мектептен келди, ал созулган кыз болуп, бой салып калган.

- Саламатсызбы, эже, - деп келип, Бермет менен учурашты.

- Оой, Өктөм сулуу кыз болуп, чоңоюп калган турбайбы? - деди Бермет ага суктана карап.

- Буйруса, кызым чоңоюп калды, алтынчы класска киргенде кыйналбай окуп кетпедиби? - деди Айдар.

- Азамат, эми окутуп койсоңор…

- Сөзсүз окутам кызымды.

- Мен ырдаганды сүйөм, ата, ырчы болом, - деп калды Өктөм.

- Өзүң эмнени кааласаң ошо болот, кызым.

- Туура кыласыңар, өз оюна койгон дурус, - деди Амантур.

- Адилет болсо спортсмен болом дейт.

- Оо жакшы ою бар экен, - деп бакылдашып жатышканда Малика тамагын алып келди. Чогуу отуруп тамактангандан кийин Амантур менен Айдар сыртка чыгып кетти. Малика менен Бермет залга кирип сүйлөшүп отурушту.

- Малика, сен бийик максаттан чындап эле баш тарттыңбы?

- Анан эмне кылам, уулум жаш, кызым бой жетти, кудай деп ушуларды багып, амандыгын тилеп жашай берем да.

- Сен жамансың, Малика, менде сендей шанс болгондо койо бермек эмесмин, анын үстүнө балалуу да болуп калдым.

- Эми мени түшүнгөндүрсүң, бала деген жан дүйнөңдүн жарымы, ал үчүн жанын берүүгө дагы даяр болот эне, ушуну түшүндүңбү, курбум?

- Түшүнбөй анан, ыйласа тим эле үзүлүп түшө калам, - деп Бермет алып отурган баласын өөп койду. - Сенин айтканыңда калет жок дечи, бирок колдон келсе экөөнү тең ала жүрүш керек эле…

- Мен баарын унуткум келет, жөн гана аял болуп өтөм, бактылуу жар, мээримдүү эне, Адилет менен Азирет да чоңоюп калды…

Ошондо шыңгыраган үн чыгып калды.

- Бул эмне? - деди Малика таңгала. - Биздин үйдө телефон деги жок эле.

- Мына бул, - деп Бермет кол башындай чөнтөк телефонун алып чыкты. - Ушул телефондор чыгып жатат азыр, аа-а, апам чалып жаткан тура, - деп ала койду.

- Алло, апа, угуп жатам, ооба үйдөбүз, айылдагы үйдө.

- Ай-ий, жакшы экен, Айдар шаарга барса ала кел дейин.

- Мен сага муну таштап кетем.

- Ырас элеби, акчасын берем.

- Мени менен сүйлөшүп турасың. - Эки курбу күлүп калышты. Малика телефонду кармап, баскылап көрдү. - Амантурдун номери бар, ошого чалсаң эле алабыз, - деп Бермет Маликага үйрөтүп жатты. Аларды үйүнө узатып коюп, Айдар шаарга барууга камынды.

- Айдар, - деди Малика. - Шаардан мындай телефон ала кел ээ?

- Макул, Өктөм менен Адилетке алып келип берейин.

- Өзүңө да алып алсаң.

- Экөөбүзгө болот алдагы.

- Койсоңчу, сен бир жакка кеткенде чалып турам да, - деп жылмая карады Малика. - Же кереги жокпу?

- Мени текшерип турайын дегениң го ээ?

- Туура таптың.

- Ах сени, - деп Айдар эч ким жоктон пайдаланып кучактап алды. - Менин сенден башканы карабасымды билесиң да, айым.

- Ошентсе да, байланышып турабыз.

- Ма-акул, телефондор биздин айылга деле келген эбак эле.

- Мен көрбөптүрмүн да.

- Баарынан артта калыпсың.

- Сени билип, сенин жаныңда болсом болду.

- Асылым, мен айылдан тажап кеттим, шаарга таза кийинип, таза абада сейилдесең кандай жакшы, балдар чоңойду, шаарга эле кетип калалычы? - деп Айдар Маликага карады.

- Койсоңчу, ата-энең жашаган үйдү ээн таштаганыбыз болбойт.

- Алтышка, алар аны кайдан билмек эле, Адилет чоңойсо үйлөнтүп беш-он күн жүрүп, кайра кетебиз, кетелиби, алтыным?

- Сен өзүң чеч, Өктөм ырдайм деп жатат го, аны чыгаралы анда.

- Сөзсүз, дал ошондой кылалы, - деп Айдар кубанып кетти. Ошентип балдар мектепти бүткөнчө айылда турмай болушту. Адилет менен Өктөм чогуу окуп жатышты. Айдар мектептин директоруна сүйлөшүп, Өктөмдүн биринчи класстан берки делосун даярдатты, кыргызчылык деген жакшы эмеспи, бир торпок менен жайлады. Өктөм сабакты абдан жакшы окуп кетти, Адилет анчалык эмес, экөөнүн аты-жөнү бир, бир туугандай ынтымактуу. Малика Адилет менен Азиретти өз баласындай жакшы көрөт.

Айпери болсо балдарын сагынып, ичтен сызып жүргөн кези, баягы кыялы жок. Өкүнүчү күчтүү, "Мени карабадың деп ажылдабай жүрө бергенимде Айдар аялды менин үстүмө алмак эмес, балдарым ушул бойдон мени карабай койсо канттим", - деп апасына келгенде ыйлап-ыйлап жатып кетет. Күйөөдөн дагы чыгуудан уялат. Ошентип чыдамынын жетпегенинен өзүнөн-өзү күйөөдөн ажырап калып, тагдырына таарынып жүргөн убагы. Бир жолу мектепке келди. Адилет эртең менен окуучу, коңгуроо болгуча күтүп турду да, балдар жабыла чыга баштаганда Адилетти издеп көрүп калды.

- Адилет! - деди дароо эле. Адилет үн чыккан жакты карай салып, апасын көрүп акырын басып келди.

- Эмнеге келдиң? - деди жер карай буруюп.

- Силерди сагындым, уулум, кел, учурашалы.

- Келбей эле койсоң болмок, Азирет экөөбүз сени сагынган жокпуз, - деп басып кетээрде Айпери аны кармап калды:

- Сени Айдар "энең жаман, аны карабагыла" деп үйрөтүп бүткөн го? - Жини келе өзүнө тартты. - Кел эми, жок дегенде өөп койойун.

- Өппөй эле кой, атамды сен уруша бербесең ал башка аял албайт болчу, сен бизди өзүң таштап кеттиң!

- Жүрү десем болбой койбодуңарбы?

- Кетпей эле атам менен урушпай жашабайт белең, мен баарын эле билем, күндө уруша берчүсүң, койо бер, мен кетем, - дегенде Айпери аны жетеледи.

- Жүрчү, балам, мындай барып сүйлөшөлү, жүрө гой, жүрчү эми, - деп жалдырап Адилетти мектептин артына ээрчитип барды. - Сен билбейсиң, балам, атаң менен эмнеге урушканымды, ал жанагы аял менен кетип калмак болгон. Сени менен тең кызы жүрбөйбү, ал атаңдын кызы эмес, мени таштап ошону менен кетээрде муну урушчумун, - деди ишендирмек болуп. Бала немеге ар кайсыны айтып, жалынып-жалбарып жатты. Анан колуна акча карматып коюп, жөнөп кетти. Адилет сабакка кайра киргенден кийин Өктөмдү улам карап: "Ошон үчүн окуган эмес тура, апамды таштап, Маликаны алам дегенде урушчу турбайбы, мен атамды жек көрөм, жек көрөм", - деп ызадан көзүнө жаш айланды. Бар бактысын ошол гана тартып алгандай Өктөмдү да жээрип турду балалык ою. Ошол күнү сабагынан кеч келди, үйгө кирбей мал сарайдын артына отуруп алды. "Неге адамдар ушундай болушат? Өктөмдүн өзүнүн атасы кайда, ал дагы өзүнүн атасын эстейт болду бекен? Малика апам жакшы аял, апамдай болуп көп сүйлөбөйт, жакшы аял. Анан эмнеге күйөөсү таштап койду кызы менен?" - деп ойлонуп жатты. Ал сабактан кечиккенинен Айдар жолду карады. Карааны көрүнбөйт, "Ал эмнеге кечикти?" - деп ойлоно мал короонун үстүнө чыгып, бешилик менен чөптү илип таштап жатып, Адилетти көрүп калды.

- Адилет, биякта эмне кылып жүрөсүң, телефонуң өчүрүлүү.

- Окуудан азыр эле келдим, - деп Адилет тура калып, үйгө жөнөдү. Кийимин чечип жатканда Малика:

- Чай ич, уулум, ачка болдуң го, мектепте бир иш болдубу? - деди.

- Жөн эле балдар менен жүрдүм.

- Мейли, чоңойдуң да, балам, - деп Малика жылмайганда Адилет: "Эмнеге атама тийип алдың, кызыңды атасынан ажыратып, бизди апамдан бөлбөй жашай бербейт белең", - деп ойлоп, аны телмире карады. Ошондон баштап дулдуюп ойлуу болуп кетти. Анын өзгөрүп кеткенин байкаган Айдар: "Бул эмнеге минтип жүрөт, Малика капа кылбайт эле, Айпери жолугуп жүрөбү? Эсине кирип калган немеге бирдемени айтып, имерип жүрбөсүн", - деп боолголой бир күнү уулу экөө мал сугарганы барганда:

- Уулум, сен бирдемеге кыжаалатсыңбы? - деп сурады.

- Эчтеке болгон жок, - деп Адилет жер карап дулдуя жооп кылды.

- Уулум, мен сенин атаңмын, ичиңе сөз катпай ачык айтышың керек, мен сени жакшы көрөм, уулум, Азирет экөөңөр менин тун уулумсуңар.

- А Өктөмчү, Өктөмдү неге өзүмдүн кызым дейсиң, анын атасы башка болсо неге жакшы көрөсүң? - деди ошондо Адилет атасын тике карап.

- Уулум, сен түшүнчү мени, апаң экөөбүздү сүйлөштүрбөй эле чоң атаң болбой үйлөнтүп койгон, мен Маликаны алам десем болбой койгон. Сен эсиңе кирип калбадыңбы, мени түшүнүп жатасыңбы?

- Ошондо Өктөм сенин кызыңбы, ата? - Адилет атасын карады.

- Ооба, балам, атам мени ошентип кызым менен Маликадан айрыган.

- Анан Өктөмдү жакшы көрүп, апамды таштаган турбайсыңбы?

- Жо-ок, апаң өзү урушуп кетип калбаганда мен андан ажырамак эмесмин, уулум, ал өзү үйдү таштап кетип калды, анан жалгыз иштеп жүрүп, Маликага жолугуп калбадымбы?

- Апама эмнеге кайра барган жоксуң?

- Баргам, ал мени жолотпой койду.

- Апама барганың жалган, ата, мен билем го, мен баламын да, анча түшүнгөн эмесмин. Сен Малика апамды алуу үчүн гана апамды кетирипсиң, мен сени жек көрөм, баарыңарды жек көрөм! - деп жүгүрүп кеткенде Айдардын айласы кетип, артынан чуркады. Жетип кармады да, жаш толгон көздөрүнө үңүлө карады:

- Сен мени жек көрсөң мейли, бирок бир нерсени эстеп кой, уулум, болуптур сен чоңойдуң дейли, апаңдын күйөөгө тийип кеткенин билесиңби?

- Сенден көңүлү калса кеткен да, - деп бетин басып өпкөлөп ыйлап жатты.

- Уулум, садагам менин, сен эстүү баласың да, эми бойго жетип баратасың, анан баарын түшүнөсүң. Мен сени кой дебейм, эгерде апаң сени чакырса барып жолугуп тур. Быйыл тогузду окуп бүтсөң окууга киргизем, шаарда болосуң, макулбу? - деп Айдар уулун кучактап акылын айтып отурду.

- Мейли, ата, окуймун, - деди Адилет көптөн кийин.

- Сөзсүз окутамын, чоң адам болосуң, сен дагы кыз сүйөсүң…

Экөө ээрчише үйгө киргенде Малика:

- Уулуң экөөңөр кайда жүрөсүңөр, тамакты даярдап алып күтө берип тажадык го? - деп күлүп-жайнап тосуп алды.

- Жумуш бар, Малика, уулум экөөбүз сүйлөшүп жатабыз, жазда окууга жөнөтөбүзбү?

- Албетте, Адилетим окуп калса, андан кийин Азиретим окуйт, Өктөм ырчы болсо, сен экөөбүз кемпир-чал болуп кала беребиз, Каниет окугуча дагы көп бар, - деп Малика бажырая карады.

- Мен окубайм, ата, ушул үйдө мал багып жашай берем, - деп Азирет айтканда Айдар күлүп калды.

- Эмнеге окубайсың, анда сени үйлөнтүп туруп, таштап койобуз.

- Ооба, - деп култуңдап койду. - Мен апамды алып келип алам! - деди эле Айдар менен Малика бири-бирин карап туруп калды. Бир топтон кийин Малика:

- Туура кыласың, уулум, энени сыйлаш керек, биз каршы эмеспиз ээ, атасы, эне ыйык, балдарым, сөзсүз энени таштабаш керек.

- Сөзсүз апамды багам, - деди Азирет чоң кишидей. Андан кийин эч кимиси унчукпады. Маликанын айтканына Адилет ыраазы болуп калды. "Жакшы аял экен, мен апа деп сыйлашым керек, атамды кантип сыйлабай койойун", - деп ойлонуп тамак ичип жатты. Өктөмдүн эч нерсе менен иши жок, ал болгону сабагын окуу менен алек, ырчы болууну абдан жактырат.

Күткөн күн келип, жаз да болду. Адилет менен Өктөм тогузду бүттү деген күбөлүк алгандан кийин шаарга көчмөк болушту. Айдар он чакты күн эрте кетип, үйүн актатып-сырдатып даярдап кайра келди. Ошентип алар шаарга көчүп келишти. Адилетти институтка киргизип, Өктөмдү жүгүрүп жүрүп, студиядан ыр жаздырып, ар бир радио-телевидениеге беришти. Бирок Өктөм өз атын өзгөртүп, Гүлсара деп чыга баштады.

Акылбек карып калган, Алтынай экөө кыз-күйөөсүн өрлүктөп келип, Каниетке тай энчилешти. Венера дагы эле жакшы батына албай кызым бар деп күйөөсү менен балдарына айталбай, оорусу күчөп, ооруканага жатып калды. Ошондо Малика анын энелик мээримин төгө албай, бир кездеги каталыгы жүрөк ооруга айланганын сезип, боору ооруп, тез-тез барып көрүп турду. Бир жолу барганында анын абалы өтө оор экен. Жанында эки кызы менен күйөөсү, үч уулу отуруптур. Сүйлөмөк болуп сүйлөй албай койду. Ошентип элүү алты жашында Венера да дүйнө салды. Акылбек ооруп төшөктө эле. Алтынай менен барып, өпкөлөп ыйлаган Малика апасына куран окутуп, кайдыгер адамдай кайтты. Аны Алтынай менен Айдар, Зымырат болуп жубатса да болбой:

- Тагдыр ушундай кара өзгөйбү, неге төрөгөн аялдын жүзүн көргөнүм менен эне деп айталбадым? Жарым мүнөт мээримин көрө албадым, өзүм кыркка келип калдым, энемин, чоң эне! - деп Алтынайды кучактап боздоду.

- Кызым, тагдыр ошондой, кээде жылмаят, кээде жүзүн үйрүп таптакыр жакшы жагын көрсөтпөйт, ошондуктан болгонуна ыраазы болуп жашоого гана акылуубуз. Мен илгери уулум, сенин атаң өлгөндө өлүп эле калгым келген, бирок мына сени көрдүм, уулдарым катар өсүп келе жатат. Катуу өткүн өтүп кеткендей эсиме түшкөндө жүрөк зырп эте сыздап алам да, жашап келе жатам.

- Чоң эне, неге мен аны тирүүсүндө бир жолу апа дебей койдум десеңиз, балким менин апа дешимди күткөндүр…

- Мен дагы бир кезде Венераны өтө жек көрүп кеткемин, эгерде ал болбосо балам өлбөйт эле деп ойлочумун.

- Мен дагы аябай жек көрүп, кабыл алалбай койдум, - деп Малика Алтынай менен коштошуп, үйүнө кетип жатты, жүрөгүндө өкүнүч-кайгы. Ал эми Венераны койгондон кийин анын үйүндө кызык абалда калтырган окуя болуп өттү. Венеранын үчүлүк, жетилигин өткөргөндөн кийин Иса абдан кайгырып отурган, аялынын ооруканада кийип жаткан кийимдерин көрүп, илгичтен алды. "Венера-а, мен сени кандай сүйөөрүмдү билесиң го, мени таштап кетип калдың. Ооруңдун себеби не деги, бизде баары бар, эч нерседен кейибедиң, эмнеге сага жүрөк оору асылып алды?" - деп ойлоп халаты жыттаганы жүзүнө алып барганда бирдеме жерге түшүп кетти. Эңкейе калып, жерден төрт бүктөм кагазды алып, ачып кызыга окуп кирди. "Малика, сен мени кечир, кызым, жаныңда отуруп бир ооз "кызым" деп айтышым оор болду… Менин кандай бактысыз экенимди билсең го, кызым, өмүр бою Жапарды, андан төрөлгөн сени ойлоп жүрүп оорукчан болдум. Сенин аман-эсен экениңди билгенде кубанганымды айтпа. Кучагыма кысып алып, жүзүңдөн өбөм деп ойлогом, бирок, аттиң! Андай боло албадым, сени кызым деп айтууга акым жок экенин сездим, көрсө мен өз канымдан чыккан баламды таштаган кезде ал укугумду жоготупмун… Кечир, Малика, жүрөгүм кош кубанычты көтөрө албай мына-мына жарылганы турат, ушул ооруну жеңип бир аз жеңилдеп алсам Исага ачыгын айтсамбы деп ойлогон менен жүрөгүм ээленип токтобой баратат. Малика, кызым, кокус көзүм өтүп кетсе мүрзөмдүн... көрүстөнүмдүн үстүнө эки тал роза гүлүн үч жолу коюп, Айдар экөөң барып, куран окуп койгула. Дегеним мени жапжаш кезинде сүйүп калып, өмүрдөн бей ажал өтүп кеткен Жапарым мени алып кетем деп келип калыптыр. Эки курдай келгенде: "Койо тур, экөөбүздүн кызыбызды бир көрүп алайын", - дедим, үчүнчү жолкусунда ал болбой эле колумдан жетелеп кетип калды. Ошондуктан биз биргебиз, эки тал гүл койсоңор бизди эскергениңер болсун… Кош, каралдым, бул дүйнөдө сени менен эне-бала болуп мээримимди төгө албадым… Чын дүйнөдө кездешээр болсок ошондо гана атаң болуп жолугабыз. Узун өмүрлүү бол, каралдым! деп бактысыз энең Венера", - деген катты окуган Исанын оозуна Алласы түшүп калды. "Бул эмне деген акмакчылык, мага кантип кыз болуп келе калды, аны жакшы көрүп эндиреп жүрүп, ошонусун байкабаганымды кара. Өмүр бою жанында мен жатсам да, башка бирөө үчүн азап чегип, ооруп калган аял бир өлмөктөн миң өлсүн", - деди да, дароо сыртка чыгып, машинесин айдап кайнатасынын үйүнө жөнөдү. Жолдо унаалардын көптүгүнө карабай зуулдата айдап келип, сигналды катуу басып, дарбазанын сыртында күтүп калды. Үйдөн Зымырат чыгып, күйөө баласын көргөндө чочуп кетти:

- Кел, Иса, жайчылыкпы деги?

- Жайчылык, апа, эгерде ушуну мурда билгенимде кызыңды эбак жөө алдыма салып айдап келип, көзүңчө чачын кесип, көзүн чукумакмын. Ырысы бар экен, менин кордугумду көрбөй өлүп кетти. Эми менин балдарыма ар кайсыны айтып, Малика дегениңерди көрсөтүп-тааныштырам десеңер жаңылышасыңар, эми менин үйүмө каттаганды койгула! - деп баракты ыргытып ийип, машинесин от алдырып, жөнөп кетти.

- Иса-Иса, айланайын! - деген бойдон Зымырат кала берди. - Кудай ур, бул эмне кагаз эле? - деп жердеги катты алып, үйгө жарыкка кирип, баш жагын окуганда эле ыйлай баштады. "Мен күнөөлүүмүн, кечире гөр, кызым, мен куруюн, жаш болбогонсуп сенин тагдырыңа балта чаптым", - деп ыйлап жатты. Эртеси Алтынайга телефон чалып чакырып алды. Экөө кафеде отурушканда көзү тоодой болуп шишиген Зымырат катты Алтынайдын алдына койду:

- Шордуум, жазганы менен бергенге үлгүрбөптүр…

- Кимге жазган экен?

- Маликага.

- Аа-а, бечара, эмне кылсын, чынында мен дагы күнөөлүүмүн, тикелей каршы болгонбуз, арбагы кечирсин, жаны жаннатта болсун.

- Куурап калды го, Алтынай, күнөөлүү мен элем, жашаарымды жашап, көрөөрүмдү көрдүм эле го, мен кетсем болбойт беле?!

- Кайрат кыл, Зымырат, жалгыз сен күнөөлүү эмессиң, мен дагы күнөөлүүмүн. Эгер тагдыр экөөбүздүн ортобузга калыстык кылганда биз таттуу кудагый болмокпуз, мына минтип экөөбүз тең сыздап отурабыз, - деп Алтынай Зымыратты тынчтандырды.

- Мен акмакмын, качып кетебиз дегенде бөгөт болбой койсом эмне? - деп ыйлады Зымырат аптыга суудан ууртап. Алар көпкө чейин отуруп, анан үй-үйүнө кайтышты. Алтынай үйүнө келгенден кийин катты окуп отуруп, ыйлап да алды. Анан Маликанын колтелефонуна чалып, үйгө келип кетүүсүн суранды. Ошентип катты окуган Малика дагы күнү кечке ыйлады. Канткен менен бала-чакасы, тиричилик аны акыры алаксытып, жашоодогу калган өмүрүнө жакшылыкты жоруп коюп, тирүүлүктүн табышмагына аргасыз көнүп берди. Тагдырдын табышмактуу бир бүркүм өмүрүндө бирде ыйлап, бирде күлүп, таң калганынан эсин да жоготуп койо жаздап, жаштыгынын кантип өтүп кеткенин билбей турган Малика: "Ушул эң акыркы көз жашым болсунчу", - деген ойдо Алтынай менен жылуу коштошуп, балдарын, эң кенжеси Каниетин эстей ашыга жөнөп баратты. Ооба, ал мындан аркы өмүрүнө каниет кылуу менен гана жашоого бел байлап, оор улутунуп алды да: "Ушуга да каниет кылайын, уул-кызымдын келечеги үчүн жашашым керек", - деди чечкиндүү.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз