Айгүл ШАРШЕН


"Гүлгө оролгон ак сүйүү"


- Салам, сулуу кыз.

- Салам. - Алмаш аны ыңгайсыздана карап алды. - Кечириңиз, мен байкабай калдым, - деп жол бошото өтүп кетмек болду.

- Эчтеке эмес, катуу ойлонуп турсаңыз керек.

- Сизге кызыгы жоктур, бейтааныш эмеспизби, - деп жолун улады. Жигит анын артынан калбай кошо келе берди:

- Шашпаңыз, токтой турсаңыз, менин атым Элмурат, - деп быдылдап жандай басты. Алмаш үн дебеди, бет алдын түз карап кете берди. Ак саргыл, сурмасы жок, мурду кырдач, чачы артына түйүлгөн узун бойлуу кыздын оюнда акча табуу үчүн жумушка орношуудан башка санаа жок эле. Элмураттын сүйлөп келе бергени ага күлкүлүү сезилдиби токтой калып:

- Кызык экенсиз, көрүнгөн кызды ушинтип тааныш деп кыйнай бересизби? - деди.

- Жок-жок, бир нерсе издеп жүрөм, балким ал сиздедир деп эле...

- Эмнени?! - Кыз таңгалганынан кабак чытып, көздөрүн алайта карады. - Менде эмнеңиз болмок эле?

- Атыңыз ким, айым кыз? - Аңгыча Элмурат кыздын маңдайына тура калды. - Айтыңыз атыңызды, уктуңуз менин атымды, күлгөнүңүз гүлдөй ачылган, табамбы сизден бактымды?

- Укмуштай сөзмөр экенсиз…

- Сөзмөр кылган ички сезим, мындай абалымды түшүндүрүш кыйын болуп турат.

- Кеч кирип кетет, мен кетишим керек.

- Атыңызды айтып кетиңизчи!

- Атым Алмаш. - Алмаш жылмайып койду.

- Бир кездерде бирге жүргөн Алмашым.

Алыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың? Сиз кадимки Рыспайдын Алмашысыз го дейм, мен сиздин Рыспайыңыз болоюн!


- Кечириңиз, мен кетишим керек.

- Бир аз токтой турчу, Алмаш.

- Убактым жок. - Ошол кезде чөнтөк телефону чыр этти. - Аа-а, эже, азыр жетем, жолдо баратам, - деп телефонун өчүрдү да: - Мени күтүп жатышат, - деп ылдамдай басып кетмек болгондо Элмурат аны дагы токтотуп калды.

- Алмаш, кафеге кирип чыгалы, мүмкүн бир аз сүйлөшөөрбүз?

- Эжем урушат.

- Анда эртең жолугалы.

- Жок, эртең бошобойм, жумуш издешим керек.

- Кандай жумуш?

- Кадимкидей эле.

- Кандай жумуш жагат?

- Акча чыга турган болсо болду. - Күлүп койду Алмаш.

- Мен таап берем, эртең ушул жерден жолугалы.

- Макул, жага турган иш болсо болду.

- Сага жага турган иш табам, Алмаш, телефонуңду берчи, мен өзүм чалайын сага.

- Макул. - Алмаш телефон номурун айткан соң коштошуп, үйүнө жөнөдү эле:

- Узатып койойун, - деди Элмурат. Алмаш үндөгөн жок, анын жанында унчукпай кетип баратты. Үмөталиев көчөсүндөгү батир үйгө жеткенде кыз:

- Келип калдык, - деди күлүмсүрөй. - Сизге рахмат.

- Эчтеке эмес, жакшы жатып, жай туруңуз, - деген Элмурат Алмаш менен коштошуп, келген жагына кетти…

Биздин каарманыбыз Элмурат майда ишканалардын биринде иштейт. Алар кытайлардын кукси чыгарган ишканасы. Ал жерде Элмурат менеджерлик кылат, бир аял алса, анысы Элмуратты жактырбай жүрүп, кетип калган. Алты ай жашашты. Гүлина бир үйдүн жалгыз кызы эле, колунда бар адамдын кызы болгондуктан, менеджерлик жумуштун айлык акысына ыраазы болбоду. Элмурат жумшак мүнөздүү элпек жигит, болгону анча сулуу эмес, көрүнүшү бир аз кополураак. Бирок өзү абдан адамгерчиликтүү, жагымдуу жигит. Ал түнү бою ойлонуп чыкты. Алмашты бир көргөндө эле жактырып калды. "Кандай болсо да байдын кызы болбосунчу", - деп ойлоду, анткени Гүлинадан көңүлү калган эле. Гүлинаны ал сүйгөн эмес, өзү Элмуратты эки-үч курдай товар ташып жүргөндө көрүп калып, машинасы менен иштеген жерине жеткирген. Ошондон кийин тез-тез келип турду. Бир күнү келиптир, аябай кубанып алган.

- Элмурат, сен экөөбүз бир жакка барышыбыз керек, - деди.

- Кайда?

- Барганда көрөсүң.

- Ачык айта берсең.

- Жок, айтпайм, кеттик, - деп колдон алды.

- Гүлина, ачык айтпасаң барбайм.

- Барасың, - деп болбой машинасына жетелеп барып отургузду да, айдап барып заңгыраган үч кабат үйдүн эшигине токтоду. - Мына келдик, бул жерде менин ата-энем бизди күтүп жатат, - деп күлө карады. Жигит ушунча келген соң терс бурулуп басып кете албай, Гүлинанын көңүлүнө карап, жетелеше дарбазадан кирди. Аларды курсагы чоң, кашка баш алтымыштардагы адам менен арыкчырай аял тосуп алды.

- Ассалоому Алейкум! - Элмурат колун сунду эле, тиги киши колун бербестен:

- Аллеки Салам, келгиле, балдар, - деп жактыра бербей ары басты.

- Киргиле, балам, Гүлү үйгө алып кир, - деп апасы сыпайы гана кол жаңсап, ичкери карай басты.

- Апа, Элмураттын жумушу көп, бир азга гана болбой алып келдим.

- Эми, бир чыныдан чай ичкиле, кызым, - деп дале апасы чыйпылыктаган болду. Сыртта калган атасы көптөн кийин кирип, үстөлгө чалкалай отуруп, Элмуратты көзүнүн төбөсү менен карады.

- Ата, таанышып койгула, бул Элмурат, - деди Гүлина атасына карап Элмуратты көрсөтө. - А бул менин атам, өзүнүн бизнеси бар. Америкага, Турция менен Италияга чейин барып турат.

- Таанышканыма кубанычтамын. - Элмурат колун көкүрөгүнө коюп, башын ийип койду.

- Ата-энең барбы? - деди Гүлинанын атасы Элмуратка карай.

- Атам жок, апам бар.

- Кайда жашайсыңар?

- Күнтууда.

- Канча бир туугансыңар?

- Бир тууганым жок, өзүм жалгызмын.

- Ко-ош, качан үйлөнөйүн дейсиң?

- Эмне дейсиз? - Элмурат таңдана Гүлинаны карады.

- Ата, Элмурат сиз уруксат берсеңиз эле…

- Гүлина, мен али үйлөнүүнү ойлоно элекмин.

- Ата-а, Элмурат сизден тартынып жатат, макул деп коюңуз, - деп Гүлина ыйламсырай атасынын мойнунан кучактай эркеледи. - Сиз макулсуз ээ?

- Кызым, - деди апасы ага ыңгайсыздана, - эсиң жайындабы?

- Мен Элмуратка гана чыгам, башкага берем деп ойлобогула! - деген Гүлина дароо Элмуратка келип, аны колдон жетелеп жөнөдү.

- Кызым, сен каякка?

- Кызы-ым? - деген бойдон ата-энеси кала берди. Гүлина машинага отураары менен:

- Сен эмнеге ойлоно элекмин дейсиң, мен сени сүйөм, Элмурат. Мага башканын кереги жок, алар мени күйөөгө берем деп жатат, - деп ыйлап жиберди. - Мен баары бир сени сүйөм! - деп, машинасын катуу айдап жөнөгөндө Элмурат эмне дээрин билбей калды:

- Гүлина, сен ойлончу, мен али үйлөнүүгө даяр эмесмин, жалгыз апамдын ал-акыбалын жакшы билем, азыр үйлөнө албайм. Анын үстүнө сен экөөбүздүн ортобузда мурда мындай сөз болгон эмес, мен ойлонушум керек.

- Жо-ок, сен менден качып жатасың, Элмурат, кааласаң сен айткандай болом. Элмурат, жок дебе, болбосо мени башка бирөөгө берип жиберишет, - деп жол жээгине токтой калып, Элмуратты карысынан кармады. - Эмне, мени сүйбөйсүңбү, сенин сүйүүңө арзыбаймбы? - деп көзүнүн жашын көлдөткөн кызды аяп кетти Элмурат. Бирок үн дебеди. - Элмурат, чын эле мени сүйбөйсүңбү?

- Гүлина, турмуш куруу оңой эмес, терең ойлонуп чечишибиз керек.

- Антип мени алдабай эле кой, мен сени сүйөм.

- Баланын ишин кылбачы. Мен жумуштан кечиктим, такси менен кетем. Сен үйүңө бар да, ата-энеңди тынчтандыр, - деп машинадан түшмөк болуп эшикти ачаарда Гүлина газды басып жиберди эле, жыгылып кете жаздап араң калды. - Бул эмне кылганың, ыргып кетсем эмне болот, ыя? - Ачуусу келип олурая карады.

- Эчтеке болгон жоксуң го, өзүм жеткирем сени, - деген кыз аны жумушуна жеткирди. - Элмурат, ишиң бүткөн кезде келем, - деди Гүлина машинадан түшүп бараткан Элмуратка күлмүңдөй.

- Бүгүн үйүмө барам, убара болбо! - деп кирип баратканда артынан кыйкырды:

- Өзүм жеткирем!

- Жинди кыз, - деп коюп, Элмурат кирип кетти. Ошол күнү ал улам эле жумушунан алагды боло берди. "Кызык, мени ошончо сүйөбү, эмнемди анчалык сүйүп калды, а мен аны сүйөмбү? Тобо, кыз бала дагы эркектердин артынан жүгүрөт экен да, өзү эрке кыз экен", - деп ойлоп жылмайып алды. Кечке иштеп, кечинде жумуштан чыгып, аялдамага жакындаганда бир машина жай келип аны качыра токтоду. Рулда отурган Гүлина.

- Эмне эсиң ооп калды, кел отурбайсыңбы? - деди күлө.

- Сен жинди болдуңбу, мен апама баратам, сага эмне бар? Артымдан жүрчү болбо! - деп опурулган Элмурат келаткан маршруткага түшүп кетип калды. Гүлина жинденген бойдон кайра келди да, машинасын жолго койо салып, үйүнө ыйлап кирди.

- Кызым, эмне болду сага? - деди атасы аны көрүп эле.

- Эчтеке, эмнеге андан ата-энесин сурайсың? - деди бакырып. - Ал сенден коркуп, мени карабай кетти!

- Кызым, сенин көңүлүң деп, ал баланы үйгө киргизип сүйлөштүм, эгер сен болбогондо аны жолотмок да эмесмин. Ал биздин теңибиз эмес. Кайдагы бир томоякка эмне мынча жармашып калдың? Ал сени сүйбөйт экен, кызым.

- Жо-ок! - деп ачуу чаңырып, жер тепкилеп ийди Гүлина. - Мен Элмуратты гана сүйөм, ага тийбесем өлөм! - деп кайра жүгүрүп чыгып кетти. Атасы менен апасы жарыша дарбазанын эшигине жеткенде кызынын машинеси ордунан атырыла козголуп, чаң ызгыта узап бараткан. Аны көргөн атасы санаасы тынбай өз машинасын шашылыш айдап жөнөдү. Караандатпай кетип бараткан Гүлинанын "Хондасын" жол четиндеги МАИ кызматкери көрө коюп, мигалкасын уңулдата артынан кууп жөнөдү. Гүлина өлөөр-тирилерине карабай кетип баратып, кызыл күйгөн жолчырактан өтүп кетээрде каршылаш чыга калган бир машинаны сүзүп барып токтоду. МАИлердин баары топтолуп тегеректеп калганда жеткен атасы эчтеке билбей рулда отурган кызын көрүп чочуп кетти. Дароо эшигин ача салып, кызын көтөрүп, машинасын көздөй басканда бир маишник аны тааный коюп:

- Ой, саламатсызбы, Надырбек Бекешович, бул сиздин… - деп сөзүнүн аягын таппай калды. Надырбек баш ийкей:

- Ооба, менин кызым, тезинен ооруканага алып барайын, - деди.

- Ооба, ооба, албетте, Надырбек Бекешович.

- Сурагыңарды кийин жүргүзөсүңөр, - деп бурк эткен Надырбек Гүлинаны ооруканага алып барды. Гүлинанын чекеси рулга катуу тийиптир, колдору тытылган, көгөргөн, дем ала албай кыйналып жатты. Атасы врачтар менен сүйлөшүп жакшылап каратып, өзү жанында болду. Дагы кудай сактап, жаракаты өтө оор эмес экен, ички органдарына доо кетпептир. Жарым сааттай убакыт өткөндө Гүлина көзүн ачып:

- Элмура-ат, - деди.

- Кызым, акыбалың кандай? - деп эңкейип чачынан сылады атасы.

- Элмурат, Элмурат кана? - Гүлина чебелектей ушинтип сурай берди. Эшикте күүгүм кирип калган, айласы куруган Надырбек Бекешович кызынын жанында отурду. Гүлина кайрадан үнсүз, кыймылсыз жатып калган, тээ көптө барып эсине келди.

- Кызым, кандай дуруссуңбу?

- Эмне болду, ата? - деп эки жакты элеңдей карап, өйдө болоюн деди эле, бүткөн бою жанчылып калгандай ооруп кеткенде чыдай албай онтоп ийди. - Мен каяктамын?

- Ооруканадасың, кызым, тынч жата гой, баары артта калды, - деп Надырбек Бекешович оор күрсүнүп алды. Гүлина колундагы каршы-терши сайылган капельницаны карап алып, оор улутуна көзүн жумуп жатып калды. Бир маалда медайым кирип:

- Сиз бара берсеңиз болот, оорулуунун абалы жакшы, - деди да, капельницасын алмаштырып чыгып кетти.

- Кызым, жакшы жат, мен кетейин, эртең менен апаң экөөбүз келебиз ээ, кызым? - деп саамайынан сылай чекесинен өптү.

- Макул, - деп баш ийкеп койду Гүлина. Надырбек Бекешович палатадан чыгып, машинасына отурду. Оор үшкүрүп алып, айдап жөнөдү, ал ушул тапта жалгыз болгусу келди. Үйүнө барды дегиче аялы күйпөлөктөп жайына койбойт. Жолдон кафеге кайрылып, пиво ичип отуруп, өткөндү эстөөгө аргасыз болду…

Надырбек жетим бала болчу. Аталаш тууганынын үйүндө жүрүп, мектепти бүтөөрү менен аскерде кызмат өтөп келген соң ошол бойдон шаарда калды. Заводдо иштеп жүрүп токардын окуусун бүттү, андан кийин механик болду. Айлыгы дурус болуп, ишканасында көңүлдүү күн өткөрүп жүргөндө Светага жолукту. Ал ошол кездеги начальнигинин кызы экен. Самарбек Надырбектин идиректүүлүгүн, тыңдыгын байкап, ага кызын берди. Эки жашка ылайык бир бөлмөлүү чакан үй сатып берди. Света дагы акыл-эстүү, токтоо аял болду. Алар он жылдай жашап, балалуу боло алышпады. Бир күнү Света:

- Надырбек, мен врачка көрүнсөм баары жакшы дейт, сени келип көрүнсүн деген, барып келели, - деди жалдырай.

- Ал эмне дегениң, баары жайында, мен эмнеге көрүнмөк элем? - деп кол шилтеп койду Надырбек. Бирок "Көрүнүп коюум керек эле", - деп ойлоп, Светага айтпай өзү барып көрүндү. Ошондо врач ага:

- Сиз капа болбоңуз, балалуу болууга жөндөмүңүз жок, - деди ачык эле.

- Дарыланууга да болбойбу?

- Жок, сизде урук бездери жараланып, личинкалар өлгөн.

- Рахмат, - деген Надырбек башын шылкыйта чыгып кетти. Ошондон баштап ал иче баштады. Света менен кайын журту анын себебин биле алышпай таңгалганы менен тим коюшту. Акырындап Надырбек өзүн колго ала: "Өзүм балалуу боло албасам бала багып алышым керек", - деген ойго токтолду. Ошол убакта кайнатасы көтөрмөлөп отуруп, начальникке жетти. Айылдан агасынын баласы окууга тапшырам деп келип, Надырбектикинде жүрүп калды. Света арыкчырай жакшынакай келин. Ал төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлөп, кайгырып жүргөн.

- Надырбек, ажырашалы анда, сен дагы балалуу болушуң керек, - деди бир күнү.

- Кереги жок, мен сенден ажырабайм, - деп Надырбек аны сүйлөтпөй койду. Иниси Толкунбек окуп жүрдү, Надырбек үйүнө келбей калганда Толкунбек менен Света отуруп тамактанышат да, экөө бөлөк жатып алат. Ошентип бир жылдай жүрдү, бир күнү Толкунбек чай ичип отуруп:

- Жеңе, акем эмнеге үйгө көп келбейт? - деди.

- Иштери көп, жакында дагы орун которот, ошого чапкылап жүрөт, - деп койду Света. Бирок чынында анын дагы ичин ит талап, кызганыч бийлеп жүргөн болчу. "Эмнеге келбейт, балким анын башка аялы, балдары бардыр, ошону үчүн мени кетирбей камаарабай жүргөндүр?", - деп ойлогондо кыжыры келе түштү.

- Сиз акемди сүйөсүзбү? - деди кайра Толкунбек.

- Сүйүүсүз жашоо болмок беле?

- Туура, сүйүү менен жашоо адамга рахат берсе керек.

- Адамдар ар түрдүү, сүйүүсүз да жашагандары бар, дүйнө жүзүн жалгыз сүйүшкөндөр каптаса анда баардыгы ойдогудай болуп, бактысыздар болмок эмес, - деди Света ойлуу.

- Байкем сизди сүйөбү?

- Эмнеге сүйбөйт экен, сүйгөн үчүн жашап жатабыз да? - деп ичип бүткөн идиш-аягын жууп жатты Света. Ошол күнү негедир уктай албай жаткан, түн бир убакта Толкунбек койнуна жылып киргенде чочуп кетти.

- Чочуба, жеңе, жеңенин бир саны кайниники деген эмеспи, эчтеке болбойт, - деп келинди ичке белинен капшыра кармаган жубарымбек имере кучактап өпкүлөп жатып, акыры жетчү жерине жеткенде:

- Кой, Толкунбек, тынч жат ордуңа, мындан ары өтпөйлү, - деди Света онтолой.

- Койчу, жеңе, мени менен бир жолу болуп койсоңуз эчтеке болбойт, - деп ич кийимин шыпырып кирди, - Жеңе, мен чыдабай баратам.

- Боюма болуп калсачы, Толкунбек?

- Эмне болот эле, акемдин баласы болуп калат да? - деп жанталашып жатты. Каруу-күчү ашып-ташып турган жыйырма төрттөгү жигит көптө барып бүттү да: - Жеңе, укмуш экенсиз, акем сизди ушун үчүн эле жакшы көрөт го? - деди кулагына шыбырай.

- Бизде сүйүү бар, Толкунбек, балабыз болбосо да сүйүү менен жашап жатабыз, - деп кылыктана күлүп койду Света. Экөө түнү бою бирге болушту. Эртең менен Толкунбек эрте туруп окуусуна кетти. Света жумушуна кетип үйүн кулпулап койгон. Надырбек көптөн бери: "Менден болбосо инимден болсун. Эптеп багып алам, өзүмдүн балам деп билгизбейм. Света менин жарамсыз экенимди билбесин", - деген ойдо атайылап түнкүсүн келбей жүргөн. Ал күндүзү келип, кайра кетти. Кечинде аялына телефон чалды, келе албай турганын айтып:

- Капа болбо, жаным, бир жумадан кийин барып калам, - деди.

- Эмне жумуш анчалык?

- Барганда түшүндүрөм, капаланбай туруп тур. Мен сени сүйөм, Света, жакшы тур, - деди да, трубканы коюп койду. Тү-түт деген трубканы караган Света: "Бул соо эмес, аял алганга даярданып жүргөн го, балким анысынын боюнда бардыр?" - деп кызганычтан ызалуу ыйлап да алды. Кечинде келген Толкунбек унчукпай кийимин алмаштырып, анан чайга отурду. Ошол убакта Надырбек жогорку кызматка көрсөтүлүп жаткан эле. Күндөп-түндөп ар жакка чапкылап жүрүп ага да жетти, мансабы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратты. Бир мекемени ижарага алып, аны чоң ишканага айлантты. Өзү дагы санаа менен жүрүп, үйүнө кээ-кээде гана келчү. Келгенде келинчегинин көңүлүн жайгарып, сагынганын айтып жалынып-жалбарып атып кетчү.

Арадан он чакты күн өткөндө Надырбек келип эки күн туруп, кетээринде жасап жаткан иштерин айтты. Менчиктештирип алган жайларды айтып кеңешти. Света: "Жасап жаткандарыңдын баары ким үчүн, Надырбек, же балабыз болбосо, ким үчүн?" - деп андан көзүн албай отурду.

- Света, мени антип карабачы, баланы багып алалы, ансыз дагы ата-энеден көздөрү учуп жаткан балдар көп, балдар үйүнө баралы, - деди Светаны өөп.

- Өз балабыз болбосо, бирөөнүн баласы экөөбүзгө жакшылык кылабы, Надыр, сен экөөбүз доктурга бирдей текшерилсек болот эле…

- Анан, анан эмне кылат элең? - деди жини келе өзүнчө туттугуп жүргөн Надырбек. Анын ачуусу келгенин байкаган Света коркуп кетти.

- Надыр, мен жөн айта салдым, врач дайыма күйөөңдү көрөлү, текшерели деп калат.

- А кокус менден бала болбой турган болсо эмне кыласың?

- Эмне кылмак элем?..

- Болду, Света, колуңда баары бар, эчтекеден кем эмессиң, унчукпай жашай берсеңчи. Мени карап отура бербей, зериксең кино-театрга бар, эс ал, жаным, - деп кыжаалаттана эшикке чыгып кетти. Света ыйлап калды. Ошол бойдон Надырбек дагы жоголду, мурда чогуу көңүл ачып жүрчү бир келин бар эле, ачуусу менен ага барды ал түнү. Аны менен ичти да, жатып калды. Арадан бир айдан ашык өткөн кезде кайра келди, эчтеке болбогондой жадырап-жайнап, толтура тамак-аш көтөрүп алган. Света дагы аны жакшы тосуп алды.

- Иштериң бүттүбү деги?

- Бүттү, байбиче, эми сен экөөбүздүн балдар үйүнө бараарыбыз эле калды, - деп аялын бетинен сүйдү. Света андан негедир жүзүн үйрүп ийди, ал Толкунбек менен күндө бирге болуп жүргөнгө көнө түшкөн эле. Ушул ирет өз күйөөсүнөн ирээнжий: "Соо жүрдү дейсиңби, көрүнгөн менен болуп жүрүп анан келди да. Балким балалуу болуп, үй-бүлө күтүп алгандыр? Менин төрөбөгөнүмдөн пайдаланып, башка аялдарга барганын жашырып жүргөндүр, же ажыраш десе болбойт", - деп өзүнчө ойго батып кетти.

- Надыр, ачыгыңды айтчы, балким башка аял төрөп берээр, ажырашып албайлыбы? - деди көптөн кийин.

- Света, кам санаба менден, сенден эч жакка кетпейм, ажырашалы деген сөзүңдү укпайын, кудайдын башка салганын көрөлү, - деди күйөөсү жибий. - Толкунбек келип жатабы? - дегенде Света уурусу кармалгандай көзүн ала качып тайсалдап кетти. Анын бул түрүнөн Надырбек дароо түшүндү, "Демек, бирдеме бар, балким өзү деле төрөбөйттүр, дагы байкап көрөйүн", - деп ойлоду да: - Окуп жатыптырбы? - деп сурап койду билмексен боло.

- Мен андан сурап жүрмөк белем, келет-кетет, кээде келбей да калат. - Чай куюп жатып негедир өзүнөн-өзү кысынгансыды. Надырбек үн деген жок, тиричилик менен ишкердигин бирге алып кетээрине көзү жеткендей ойлуу төркү бөлмөгө кирди. Кайнатасы алып берген үйдөн кийин өздөрү кененирээк үй сатып алышкан эле, үч бөлмөлүү, үчүнчү кабатта.

- Света, жер үй алсак кантет? - деди ал бир топтон кийин.

- Кайда бар экен?

- Толуп жатпайбы, бири сатат, бири алат дегендей, кабат үйдөн көрө жер үй жакшыбы дейм да.

- Өзүң бил, мага эчтекенин кереги жок, бир башыма эмне жетпейт, өлсөм артымда карманып калаарым болбогондон кийин, бир кийип, ичээрим болсо болду.

- Ал эмне дегениң, бала багып алсак ошол үчүн жашайбыз, ага деп үй салдырабыз, бир жетимди бактылуу кылабыз. Ал бизге бала деген кубаныч тартуулайт же жалган айтамбы?

- Ошондо деле эл айтат, баккан бала эстүү чыкса жакшы, акылсыз болсо көйгөйүн тартабыз го?

- Келе элек баланы кандай болжоого болот, өзүң ойлончу? Кыргызстан боюнча миңдеген балдар ата-энесиз балдар үйүндө чоңоюп жатышат, бизди билгендер каршы болушпайт деле.

- Байкап көрөлү. - Света эрин жылмая карады.

- Ырас айтасың, дароо эле айтканда болбойт, - деди Надырбек. - Барып көрүп, сүйлөшөйүн, эгерде эне-атасы жок бирөө жарымы жагып калса багып алалы.

- Ошентишибиз керек, кийин да талаштырып отурбай.

- Туура айтасың, байбиче, деги сенден кээде көп акыл чыгат, - деп тамашалап калды. Ошол бойдон экөө тең унчукпай калышты. Кеч киргенде Света аябай кыйналды, чоочун бирөөнүн койнуна жата тургандай өзү менен өзү болуп, жумушун жасап кылдырап жүрө берди. "Эмне деп ойлойт, балким билип койсочу? Толкунбекке көнүп калдым эле, бүгүн ал келбей эле койсо экен", - деп ойлонуп турганда Надырбек ваннадан чыгып, жанына келди. Акырын артынан кучактап, кулак тушунан өөп, мойнунан аймалай:

- Жаталычы, жаным, - деп шыбырады.

- Койо тур эми, мен жумушумду бүтөйүн.

- Жумушуңду токтотчу, бир айдан бери сагындым.

- Чын эле сагындыңбы? - Шарт артына бурулуп жылмая карады Света.

- Эмнеге калп айтам, өз аялымсың да, бирөөнүн аялын сагынып жаттым беле? - деп кылыктанып, назданган аялын көтөрүп алып жатак бөлмөгө кирип баратканда сырткы эшик ачылып, Толкунбек кирди. Надырбек андан тартына Светаны жерге түшүрдү.

- Ассалоому алейкум, байке? - деди ал дароо эле.

- Аллеки салам, кел, баатыр, окуу кандай?

- Баары жакшы.

- Атаңдар менен кабарлашып жатасыңбы?

- Ооба, кечээ эле сүйлөштүм.

- Жатышыптырбы?

- Жатышат, салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Эртең апам келем деген.

- Оо, шаарга келмекпи?

- Ооба, байке.

- Жакшы анда, эртең жеңең экөөң коноктогула, - деп койду. - Кайниңдин кардын тойгуз, бирдемең бар беле? - деп Светаны карады. Анын айткан сөзү Светага сынап айтып жаткандай туюлду. Толкунбек билмексен боло кийимин которунду да, ашканага кирди.

- Жеңе, өзүм эле ичип алам.

- Макул анда, тамак бар, ысык бойдон, - деп Света ашканадан чыкканча шашты.

- Мен эртең дагы кетем, сен жеңем келсе жакшылап коноктоп кой, - деди Надырбек Светага. - Баласынын кандай жашап жатканын көргүсү келген го?

- Келсе көрөбүз да.

- Ошент, алтыным, абысыныңды жакшылап сыйла, коньяктын жакшысынан апкелип кой. Ал өзү жакшы көрөт ичкиликти, айылдагылар ушундай бир отуруш жасап, гүлдөшөт дейсиң, - деп бакылдап төшөгүнө жатып калды. Көптөн кийин гана Света жанына отуруп:

- Надыр, - деди акырын.

- Ийи.

- Сенин башка жактырганың жокпу?

- Койсоңчу, кайдагыны айтпачы.

- Эмнеге бир ай жоголдуң?

- Иштер көп, алтыным.

- Сен балким айткандан…

- Эмнеге, эгер болсо ачык эле айтмакмын.

- Билбейм, мурункудай эмессиң.

- Эч ойлонбо, сенден башка сүйгөнүм жок. - Надырбек аялын имере кучактап койнуна тартты. Көз алдында жаш, сулуу ойношу. "Мен аларды сүйбөйм, эгерде бала төрөтө алчу кудуретим болгондо балким эмдигиче төрөшмөк. Гуля да, Салима да төрөгөн жок, бел кубатым жараксыз деп кимге айтмак элем", - деп ойлоно Светаны кучактап көпкө жатты. Света Толкунбектин дабышын тыңшап жаткан. Ал ашкананын жарыгын өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип жаткандай болду. Эртеси Надырбек эрте кетти. Кызмат машинасы эрте келип, аны алып кеткенден кийин дароо Толкунбек эшикти илип келип, жеңесинин койнуна кирди.

- Ой, жеңе, түнү менен уктай албай чыктым, - деди бекем кучактап өпкүлөй.

- Эмнеге?

- Сизди ойлоп.

- Кой, Толкунбек, сен мындан ары башка жакка же жатаканага барып жаша, билинип калса экөөбүз тең жаман болобуз.

- Билгизбейбиз, жеңе, эч кыйналба. Байкем андай майда кишилерден эмес, болоор-болбоско көңүл бурбайт, коркпой эле коюңуз. Апам келсе эки-үч күндөй жүрөт чыгаар, ансыз да сизге жолуга албай кыйналам. Койчу, жеңе, мен сизди көрбөй калсам жаман болом, сабакта дагы ойлоно берчү болдум, кыскасы мен сизди жакшы көрөм, балким сүйүп да баратам, - деп жанталаша өпкүлөп, ишке өттү.

- Толкунбек, андай дебе, сен экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес, ортобузду бөлгөн он жаш менен туугандык жайыбызды унутпай сый болууга тийишпиз. Сүйүү-күйүү дегендерди оюңа да алба, андай болушу эч бир мүмкүн эмес, Толкунбек, - деп Света көзүн жумду. - Мен жазгырсам боюма болуп калса деп гана сага жакындадым, кээ бирөөдөн болбосо кээсинен төрөсө болот имиш, ошого ишендим.

- Жаным жеңем го? - Толкунбек бети-башын аймалап, өпкүлөп жатты.

- Сабактан кечигесиң.

- Азыр эрте.

- Сүйгөн кызың барбы?

- Жок, азырынча эч кимим жок, жүрөгүм бош, - Жигит күлө чалкасынан түшүп жатып алды. - Кандай гана рахат ээ, аял менен эркектин жакындашуусу гана өмүргө шаттык берет экен да? - деп керилип алды.

- Мурда аял менен болгон белең?

- Ооба, бир эле жолу.

- Иий, - деп Света жылмайып койду.

- Шакабалап турасызбы?

- Эмнеге?

- Менин аял менен болбогонумду.

- Жо-ок, жаштыгыңды ойлоп жатам.

- Мен жаш эмесмин.

- Качан үйлөнөсүң?

- Үйлөнсөм сизге келе албай калам да.

- Муну токтотушубуз керек.

- Мен сизден ажырабайм.

- Эмне?..

- Аял алсам дагы сизге келип турам.

- Андайыңды кой, үйлөнгөн соң кыйшаңдабай алганың менен жашашың керек. Тур, сабагыңа жөнө, мен дагы ата-энемдикине бир топ күн кетем, - деп Света туруп кийинип, сыртка чыгып кетти. Толкунбек байкесинин төшөгүндө көпкө жатып, анан турду. Жуунуп келип, өзү газды күйгүзүп, жылытманы ысытып ичти. Света анын жанына отургандан тартынып, ал кеткенче эшикте басып жүрүп, анан кирди. "Бул шерменделигимди Надырбек билсе өлтүрөт, экөөбүздү тең өлтүрөт, үйгө барып апама кеңешип, кетип калышым керек", - деп ойлоно ашканага киргенде тамактын жытынан көңүлү айнып, кускусу келип кетти. "Ооруп калдымбы?", - деген ойдо кайра чыкты да, кийинип-жасанып алып, эч нерсе ичпей эле чыгып кетти. Маршруткага түшүп, ата-энесиникине келди. Атасы үйүндө жок экен, апасы Зуура ийик ийрип отуруптур, эки небереси эшикте ойноп жүрөт.

- Кел, кызым, - деп Зуура кызын карады.

- Келдим, апа, өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, кудайга шүгүр, өзүңөр кандай?

- Дурус, - деп дасторкондогу даамды көргөндө жүрөгү айланып кетти, оозун баса сырткы бөлмөгө атып чыкты.

- Эмне болду, кызым? - деди Зуура ал кайра келгенде.

- Жүрөгүм айланып кетти. Эртең менен эчтеке ичкен эмесмин.

- Качантан бери?

- Бүгүн эле, ашказаным ооруп калса керек, эчтеке ичким келбейт, - деп мурдун чүйрө оозун жаап отурду.

- Ой, кыз, доктурга көрүнүп көрсөңчү.

- Эмнеге, апа, ооруган жокмун, жөн эле майлуу тамак-аш ашказаныма жакпай калганга го?

- Келе тамырыңды кармап көрөйүн, - деп Светанын колун өзүнө тартып, билегине үч сөөмөйүн тийгизе бир топко тыңшап, кайра сол колунун билегин ошентип кармаган соң, - Кызым, сенин боюңда бар экен, кудайга шүгүр! - деди. Света эмне дээрин билбей дабдырап калды. - Кудай берет деген ушул, кызым, бир айдан өтүп калыптыр. Надырбекке сүйүнчүлөй бер. - Зуура кудуңдай кызын кучактап өөп койду. - Кудай берээрин унутпасын дегендей, бергиси келсе бат эле, - деп туруп барып ун алып келип, муштумдай камыр жууруду.

- Эмне кыласыз, апа?

- Жети токоч жасай койойун.

- Эмнеге?

- Сенин боюңа болгонуна ыраазычылык билдирип, ата арбакка арнап куран окуп койойун, кызым, мындайда антпесе болбойт, - деп апасынын кубанып алганын көрүп Света ичин баса кубанаарын же кайгыраарын билбей турду. "Толкунбектен болуп калды го, эми эмне болот, ага окшошуп калсачы? Же Надыр кимден болду, мен үйдө бир ай болгон эмесмин деп урушсачы", - деп сары санаага батты.

- Апа, чын эле боюмда бар бекен? - деди анан. Зуура жаш кезинен ар кайсы жери ооруп, тамырчыларга көрүнүп, өзүн-өзү таптап чөп-чар кайнатып ичип көнгөн аял, анча-мынча туугандарынын да тамырларын кармап калчу.

- Ооба, кызым, күмөнсүбөй эле кой, врачка барсаң дагы ошону айтат, кубана бер, - деп Зуура мулуңдай карады. Эне-бала көпкө сүйлөшүштү, токоч жасап, куран окуп чай ичишти. Света бир аз ооз тийгени менен эч нерсе иче алган жок. Ал күнү кетпейм дегенине болбой Зуура жөнөтүп ийди. Үйүнө келген Света дагы эле таңгалып жатты. "Кантип болуп калды экен, Толкунбек билсе эмне дейт? Надырбекчи, ал кубанабы же күйүнөбү? Ай кудай ай, эмнеси болсо да өзүм эне болуп төрөп алсам болду, башкасынын кереги жок, баласыз дегенче же бирөөнүн баласын бакканча өзүмдүкү эмеспи", - деп көп ойлонду. Тамак жасамак болду эле, окшуй берип жасай албай койду, ал ошентип отурганда эшик ачылып, бирөөлөр киргендей болду. Тура калып караса Толкунбек апасы экөө экен.

- Кандай, айланайын, жакшы жатасыңарбы? - деди абысыны Кайнар көрүп эле. - Бала жүрөбү, иши жакшыбы?

- Жакшы, жеңе, келиңиз.

- Ошондой болсун, Токумун кандай окуп жатканын көрөйүн деп эле келип калдым, жаткан жери го жайлуу дечи. Акча-тыйындан кыйналып калдыбы деп эле атасы экөөбүз тынч алалбайбыз, - деп сүйлөгөнчө төргө өттү, көтөрүнчөгү да оор экен, Толкунбекке кайрылды. - Келинге бер, этти муздаткычка салып алсын, кымызды куюп ал, айланайын. Эми ушул бойдон жаз-күз келе албайбыз, тоодо болобуз, бу мал деп жүрүп биротоло мал болгону калдык, - деп какшанып жатты. Бир койдун эти, эки-үч чучук бар экен. Май-сүзмө, бир чанач кымыз.

- Мынчаны эмне кыласыз, тим эле койсоңуз болмок.

- Кой, капырай, атайын келатып анан куру келемби, балам деле жүрбөйбү? Ичип-жейсиңер, бу базарыңардан алсаңар бир топ акча да, анан ала келбей эмне кылам, бир тууган экенсиңер батырып жатасыңар, башка бирөө батырмак беле?

- Коюңузчу, жеңе, ошондо деле ушунча тамакты көтөрүп эмне убара болдуңуз? - деди Света эч нерсеге көңүлү келбесе дагы күлө карап.

- Оой, келиним, сен бергенди ала бер да, биз дагы берчүгө берип, алчудан алабыз, ушу кайним болбосо биз кайдан сени тааныйбыз, ыя? - деп атайын өз киши боло Светага ормойду. - Кичине бала деп койчумун кичинекейинде.

- Болуптур эми, жеңе. - Света ага ыраазы боло карап, көңүл улай, - мен эми чай койойун, сиз эс алып отура туруңуз, - деп чыгып баратып, этти көрүп дагы окшуп алды. Айласы жок эптеп Толкунбекке шыбырады эле, ал этти туурап, казанга салып берди. Ошентип Света ал күнү абысыны менен сүйлөшүп отуруп, өтө кысынып жатты, бирдемени байкап койгондой ыңгайсыз абалда болду. Бир коньякты алып келип бузду, өзү аздан алып, Кайнарга алдырып отурду. Толкунбек тамак ичкенден кийин өз бөлмөсүнө кирип жатып алган.

- Света, качан балалуу болосуңар, ботом? - деди кызый баштаган Кайнар эңкейе берип.

- Билбейм, жеңе, болбой жатат го, кайниңизди башка аял ал, ажырашалы десем болбойт…

- Мейли, кудай берем десе кулуна, белен кылат жолуна деп, унутпаса жараткан өзү жалгап койоор, - деп кайра келинине боору ооругандай болду.

- Ажырашып башка аял алса болот эле деп жиниңер келип жаткан жокпу? - деп күлгөн Света абысынын сынай карады.

- Ой, келин, айтсак ачык эле айтпайлыбы, тим эле карасаң ой, жиниңер келген жокпу деп, силерге жакшылыктан башка тилегибиз жок, айланайын, кудайым буйруса бир күнү берип койот.

- Кечир, жеңе, тамашалап койдум, - деди Света күлө.

- Антип тамашалабай жүр, биз силерди бөлүнүп-жарылып кетсин деп ойлобойбуз, балалуу болуп калсын дейбиз да. Жашыңар өтүп баратат, силердейлер үч-төрттөн бала күтүп калды, алды чоңоюп баратат. Ошого акең экөөбүз кейип калабыз, оозум шок жаным, ачык айтам деп сага жакпай калдымбы? - деп таарынгандай кебетеленди.

- Мейли, жеңе, кудай деп туралычы, кудай деген кур калбайт дешет го?

- Ошентсең, айланайын, кудайды унутпасаң ал да сени унутпайт.

- Келиңиз эми, дагы бир жолу алып коюңуз, кайниңиздин үйүнө атайын келсеңиз анан коньяк ичпей, сый көрбөй кетсеңиз болбой калбайбы? - Света дагы рюмкага коньяктан куюп сунду. - Алып коюңуз эми.

- Сен деле алсаң боло? - Кайнар Светаны суроолуу карап калды. - Алып кой мени менен.

- Жеңе, мен ооруп, дары ичип жаттым эле.

- Мейли эми, сени кыстабай эле койойун, - деп Кайнар рюмканы көңтөрүп ийди. Ошондон кийин дасторконго бата кылышып, аны арыдан-бери жыйнай салган Света Кайнарга диванга орун салып берди. Ал ичип алганга көп сүйлөп, ар кайсыны айтып жатып, бир маалда тарс эле уктады. Света: "Эгер төрөп алганымды укса билип койоор бекен, айрыкча Надырбек эмне дейт? Эртең догдурга көрүнүп келейин", - деп ойлоп жатып, уйкуга кирди. Эртең менен катуу уктап калган экен, эшиктин жабылганынан улам ойгонуп кетти, саатты караса тогуз болуп калыптыр. Туруп эшикке чыкса, Кайнар короодо ары-бери басып жүрүптүр.

- Жеңе, эрте туруп алдыңызбы?

- Ооба, шаардыктар түшкө чейин уктай бересиңер да.

- Кеч жатканга уктап калыптырмын.

- Кеч жатмактан балээ болсо да таң заарынан турабыз, кудай эрте турганга ырыскы чачат имиш, көңүлүң да сергек болот.

- Жеңе, үйгө кириңиз эми.

- Мына баратам, - деп эки жакты карай кирип баратты. Ичкери киргенден кийин жуунушуп чайга отурушту. Тамагын ысытып келип, зорго куюп берди да, мына эми чай сунаарда окшуп ийди. - Ой, келин, сен соосуңбу? - Кайнар Светаны ормойо карады.

- Кечээ сиздин көңүлүңүздү улап, бир аз коньяк ичип койгонго жүрөгүм айланып жатат, жеңе.

- Капыра-ай де, сен ооз тийдиң, мен ичтим го, кана мен жөн эле отурбайымбы, чыныңды айт, ай келин, бой-союңда жокпу? - деп оңурая карап калды.

- Койчу, жеңе, мен таптакыр ичпейм да, иниңиздин келишин күтүп эле отурам, курбу-курдаш да күтпөптүрмүн.

- Эми-и, күтсөң эриң, үзүрүн көрүп жатасың, эптеп эле бирди төрөп койсоң болду эле, анан жата бер чартаңбай тээп, асмандан акча жаагандай эчтеме менен ишиң жок, - деп Кайнар санын чаба өз сөзүнө өзү каткырды.

- Болоор-болбосун көрөөрбүз, жеңе.

- Ушу сен бери карачы, сепкил түшүп калганбы, ыя? Ушу сенин боюңда бар ай! Оо кудай, айланайын, акеңен барып сүйүнчү алайын, ал байкуш укса тим эле так секирип кубанат, - деп бапылдап жатты.

- Койсоңчу, жеңе, кантип эле, ишенбейм дагы, - деди Света абысынын жактырбай. - Ушунча жыл төрөбөй жүргөн киши кантип эле?..

- Ой, антип тескери сүйлөбөсөңчү, берсе таштабайм, бербесе какшабайм деген сөз бар, айланайын абысын. Доктурга көрүнүп көр, кош кабат болгон аялдын жүзүнө сепкил түшүп, көздөрү кош кабаттанып киртийип калат, эч нерсе жүрөгүнө барбайт, тезирээк көрүн доктурга.

- Мейли, жеңе, бир күнү бараармын.

- Бир күнү дебей эртерээк бар, же өзүм алпарсамбы сени? - деп ойлоно калды.

- Жок, жеңе, шашпай көрүнүп көрөм, бар болсо сүйүнчү сиздики.

- Сүйүнчүңө ыраазымын, кайнимди эле балалуу кылсаң болду. - Света анын көп сүйлөгөнүнөн жадап кетти.

- Жеңе, баш жазыңыз эми, - деп дагы коньяк куюп сунду.

- Алып кел, башым ооруп турат, ичсе ичип алайын. - Кайнар араң эле тургандай Светанын колунан рюмканы ала коюп ичип жиберди. - Ой, бир мактанып калайын кызматчы кайнимдикине барып, коньякка тоюп келдим деп…

- Ошентиңиз, дагы куяйын ээ?

- Куя бер, акең менен кажылдашып кырк жыл жашадым, эми мени тескей албайт, уул-келиниме барганда келиним бекитип берет, кыздарым болсо ичпе дей берет. Балдарды туудум, багып чоңойттум, эми жөн эле чардай турган убагым да, - деп Светаны карады. - Ырас айтамбы, ыя?

- Ооба, жеңе, силер эми сыйдын үстүндө гана жүрө турган убагыңар да. - Света коштоп койду. Ошентип отуруп, коньякты түгөтүп бүткөндөн кийин төркү үйгө кирип, телевизор көрүп жатып, кайра уктап калды. Света абысынын кетишин тилеп аткан. Бирок анын уктап калганын көргөндө: "Эми бул кеткиче жүдөтөт, көп сүйлөйт экен өзү дагы", - деп жини келе карап турганда Кайнар ойгонуп кетип, кайра бежирей баштады. Света ал уктап жатканда врачка догдурга барып келсемби деп ойлогон, бирок үлгүрбөдү. Эки-үч күн катары менен көңүлү айнып кыйналса дагы эптеп тамагын жасап, коньягын куюп, абысынын болушунча сыйлады. Үчүнчү күнү Кайнар Светага кайрылды.

- Света, күйөөң эмнеге келбейт?

- Жумуш менен алыска кеткен.

- Иий, ошондой дейм да. - Шыпшына отуруп калды.

- Кайда барам дедиңиз бүгүн? - Света анын кетишин каалап, атайын сурады.

- Ой, бул шаарда сиңдим бар, ошонукун таап барсамбы дедим эле.

- Дарегин билесизби?

- Билбегендечи, билем да, - дегенде Света: "Билсең эмнеге үч күндөн бери жатасың, бара бербейт белең", - деп ичинен кыжынып алды. Ошол бойдон унчукпай отурушуп, Толкунбек келгенде түшкү чайын ичишти.

- Апа, качан кетесиз? - деди Толкунбек.

- Омээй, кетпегенде жатып алат белем? Байкеңди күтсөм жок го, жумуш дайындады эле атаң.

- Байкемдин жумуштары көп экен да колу бошобойт, мага же жеңеме айтып койо бер да, - деди Толкунбек кабак бүркөй.

- Мейли, балам. Менин бир тууган иним чоң окууну бүткөн, ошого бир жакшы кызмат керек эле, сүйлөшүп көрчү деп эриңе айтсамбы дегем, - деп Светага кайрылды.

- Айтам, жеңе, сөзсүз айтамын.

- Кантип кабарлашабыз анан?

- Мен переговор берсеңер сүйлөшөм да.

- Ийи, макул анда, мен эми Суусаркандыкына барайын.

- Кийин, кеттик, - деди Толкунбек шаштырып.

- Шашпа эми, алдымдагыны ичип алайын, - деп Кайнар рюмканы колуна алды. - Мейли эми, бала экөөңөр бактылуу болгула, ылайым бала-чакалуу болуп, этегиңди заңга толтуруп отура бер, айланайын, - деп стаканды так көтөрүп, коньякты түгөтө жутту.

- Айтканыңыз келсин, жеңе.

- Кой эми барайын, кайра эртең кетем.

- Жакшы барыңыз. - Света коштошмок болгондо Кайнар аны ормойо карады.

- Ой келин, кайра келип, анан кетем, эми эле кете койбойм.

- Мейли-мейли, келе бериңиз, жеңе, көпкө жүрүп кетсеңиз да болот. - Сыртынан ушинткени менен ичинен тез эле кетип калса экен деп тилеп турду. Кайнар ар кайсыны айтып жатып, Толкунбек менен ээрчише чыгып кетти. Аларды узатып коюп, Света жеңилдей: "Ө-өх", - деп алды. Анан жуунуп, өзүн ирээтке келтирип алып, врачка көрүнүүгө жөнөдү. Ал келгенде түштөнүү убагы болуп калган. Күтүп отуруп, элден биринчи кирди.

- Эже, көрүнөйүн деп келдим эле.

- Эмне, боюңда барбы?

- Билбейм.

- Канчанчың, же алдырасыңбы?

- Жо-ок, эже, барбы, жокпу билишим керек.

- Ушу жаштар эмне болуп баратасыңар билбейм, эптеп эле бирди төрөп же капысынан болуп калса алдырып жок кылууга ашыгасыңар.

- Эже, таптакыр андай эмес, мен төрөбөй жүргөмүн, анан болуп калдыбы деп…

- Андай болсо жөнү башка, кана жата гой, көрө койойун, - деп гинеколог шыпылдай калды. Света далдоодогу креслого чыгып жатканда толкунданганга жүрөгү лакылдап чыкты. "Чын эле боюмда бар болду бекен? Эгерде болуп калса Надырбекке такыр айтпай койом, анан билингенде өзү сурайт", - деп ойлонуп жатканда врач кирип келип, бир топко көрдү да: - Боюңда бар, бир айдан ашыптыр, учетко турушуң керек, мурда төрөбөй жүрсөң тез-тез көрүнүп турбасаң болбойт, - деди.

- Ыраспы, эже, ырас эле бар бекен, чын эле төрөймбү? - Света ыйламсырап кубанычы койнуна батпай врачты суроолуу карады:

- Чын эле, кубана берсең болот, бир айдан ашып калыптыр.

- Рахмат, эже, буйруса сүйүнчүсү болот, - деди Света кийинип бүткөн соң врачтын жанына келип отуруп.

- Эчтеке эмес, тез арада учетко туруп кой.

- Макул, эже, - деди да, кубанычтан жүрөгү алып учуп, үйүнө келди. Өзүн койоорго жер таппай өзүнчө эле бир кызык абалда болуп, эчтекеге көңүлү чаппай базардан алма алып жегиси келди. Эми үйдөн чыгып кетмек болгондо телефон чырылдап калды, жетип барып ала койсо Надырбек экен:

- Алло, жаным, зериккен жоксуңбу? - деди Надырбектин үнү.

- Жакшы чалбадыңбы, Надыр, - деди жашырам дегенин унуткан Света, кубанычтуу демиге сүйүнчүлөп киргенин да байкабай сүйлөп жатты. - Надыр, сүйүнчү, менин бир жарым айлык боюмда бар экен!

- Эмне-е?! - деп адегенде чочуп кетти Надырбек. Саамга унчукпай туттуга: "Ушундай болоорун билгемин, эми айла жок", - деп алып, анан тобокел кыла өзүн кармады да: - Ой, алтыным десе, кудайга шүгүр, кечинде үйдө болом, сөзсүз жаныңда болом! - деди.

- Күтөм сени, Надыр!

- Күт, барып калам, көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - деп трубканы коюп, оор күрсүнүп алды. "Демек, балалуу болот экенбиз да, ушундай болмок. Узак жылдар бою, өмүрүм өткөнчөктү азапты өзүм тартайын, тагдырым ушундай болсо аргам канча, эч ким билбеши керек. Света кубанып калсын, жалгыз өзүм гана азаптанайын", - деп жан-алы калбай тынчсызданып, жүрөгү түпөйүл ооруп турду. Бирок баары бир эч нерсе дей алмак эмес. "Байкушум, менден бала болот деп ойлоп жаткандыр, билинбей калат деп ойлойт да, мен акмак ага өз дартымды айтпасам кайдан билмек эле", - деп кыжаалат боло берди. Кечке ойлонуп, анан шоопурун дүкөнгө айда деди, ал таңгала карап коюп дүкөнгө айдады. Надырбек торт менен гүл сатып алып, андан тышкары да толгон-токой тамак-аш алып, кечинде кирип келди. Света дагы тамагын жасап, үстөл үстүн жайнатып аны күтүп жаткан эле.

- Оо, Светочка, кандай, кубанычыңа тең ортокмун, жаным! - деп кирип келип эле далдайган мүчөсүн жая кучактап аялын бетинен өөп, гүлүн карматты. - Куттуктайм, жаным.

- Рахмат. - Света ушул учурда ыйлап ийди. "Кокус билип калсачы?" - деген ой мээсин аралай чаап өткөндө жүзү кызарып чыкты.

- Светка, бул эмнең экен эми, кубанычта ыйлаган болмок беле? Кел андан көрө кубаналы, кубанычты белгилейли, башыбызга баш кошулганы турса ыйлаганың болбойт, - деп ийинден ала креслого отургузуп, өзү жанына көчүк басты. - Кана жакшылап айтчы, кантип, кандайча билдиң, жаным?

- Кусуп, тамак иче албай калдым, анан врачка барып көрүндүм.

- Ийи анан?

- Көрүп эле бир жарым айдан өтүп калыптыр деди.

- Кудай берет деген ошол, берекем, - деп бекем кысып өөп койду. - Кана эмесе, бул жаңылыкты бир белгилеп коюш керек, - деп торттон кесип алдын Светага жедирип, андан кийин өзү жеди. - Бул дагы буйрук, жаным, эми бала багабыз деген санаадан арылабыз ээ?

- Ооба, кудай аман койсо, - деп Света кубанып турганы менен ичтен чийки май жегендей беймаза болуп жатты. Экөө отуруп алып, импорт шарап ичип, төрөлчү бала жөнүндө кам көрүүнү сүйлөшүп бапырап калышты. Ошондон кийин Надырбек үйгө келбей калганын токтотту. Күндө үйдө, кош бойлуу аялынын жанында. Толкунбек кашкайып эч нерсе болбогондой жүрө берди. Сабагына барат, кайра келет, кээде келбей да калат, мунусу Светанын айткандарын тастыктагандай эле болду. Убакыт өтүп, ушул Гүлина төрөлдү, экөө тең ал төрөлгөндөн көзүн карап, айтканы менен болуп чоңойтуп келе жатышат… Бул 1991-жыл эле.

- Биз жабабыз, турасызбы, агай, - деген официанттын үнүн эшиткенде гана оюнан адашып, башын өйдө кылды.

- Аа-а, кызым, кечирип кой, - деп эсептешкенден кийин кафеден чыгып үйүнө келди. Ал кирээри менен Света тызылдай баштады:

- Кайда калды кызың, эмне болду ага, аман-эсенби деги?

- Аман-эсен, - деди Надырбек чечинип жатып.

- Каякта калды?

- Ооруканада.

- Эмне-е, эмне дейсиң, кандайча ооруканада? - деп Света Надырбекти жакадан кармап силкилдетип жиберди. - Эмне болду дейм?

- Баары ойдогудай, эмнеге мынча безилдейсиң, Гүлина экөөбүздүн кызыбыз эмеспи? - дегенде Света башка чапкандай эңгирей түшүп, көзүн жумуп ийди. "Оо, жараткан, бул эмне деген табышмагың эле, он сегиз жылдан бери үн дебей келип, ички бугун бүгүн чыгаргысы келип турабы?", - деп бушайман боло Надырбекти карады.

- Кыздын эмне болуп калганын сурасам, сен эмне дегиң келип турат, эмне болуп ооруканага түштү деги?

- Авария болду, башы-көзүн карабай аңыраңдата айдап баратып башка машинага урунуп алды, Света, бирок абалы ойдогудай.

- Ошондой дебейсиңби бая эле, сен жакшы десең жакшы анда, эртең баралы. Ушу кызды телтеңдетип жаман кылдың, эмне десе алып бере саласың, барам деген жагына жибересиң. Машина десе эле алып бере коюп, мына эмне болду, көптүн балдарындай эле чоңоет эле го? - деген Света сөздү башка жакка буруп, Гүлинанын кийинки жашоосу жөнүндө тынчсызданды. - Кокус күйөөгө тийсе анысы сен экөөбүздөй кылып эркелетеби, кайда-ан? Бир күнү көгала, бир күнү жарака болуп, келип турбаса болду.

- Эмне кыл дейсиң эми, жалгыз кыз болсо каалагандай өссүн дедим да, же эмне жаман болсун дептирминби?

- Ошентсе дагы эби менен эркелетпей, обу жок талтаке болуп кетти. Эми бир кайдагы немени сүйөм деп калганын кантейин, анысы корсоюп муну жактырбайт да окшойт?

- Жактырбай кайда барат экен, акелеп артымдан жүгүрө турган кылам шашпа, жумушунан айдатып, эч жерге жумушка алдырбай койсом эле Гүкүнүмдүн бутунан өөп жүгүрөт, - деп керсейип койду Надырбек.

- Эмне ал бечараны сатып аласыңарбы кызың экөөң, жалгыз энеси бар экен, аны багышы керек да.

- Болду, кемпир, алым-сабак айтышканча түн кирип кетти, эс алалы, эртең Гүкүнгө эртерээк барбасак болбойт, - деди Надырбек. Света мазасын алган сезимдерин ичине катып, унчуга албай зорго отурду. Оюна койсо түн болсо да жетип барып, кызын көргүсү келген, аргасыз дагы бир сөз чыгып кетеби деп тилин тишине ката тим болду.

- Бирдеме ичесиңби?

- Жүрөккө барбайт.

- Анда мейли, - деген Света жарыкты өчүрдү да, жатып калды. Экөөнөн тең сөз чыкпай уйкуга киришти. Света ушул учурда Толкунбекти эстеди, ал эчак үйлөнүп, үч-төрт балалуу болуп калган. Эки жыл окуп эле таштап салып, эл соодага өткөндө мал алып сатуу менен алектенип кеткен. Азыр да кээ-кээде келип калат, бирок ашыкча үн-сөзү жок, Гүлинаны карап-карап тим болот. Байкеси баягыдай эки жакка чыкпайт, өзү деле жаштык кылганына кээде өкүнсө Надырбектин кийин балалуу болбогонун ойлоп: "Эгер менден боюна болтуруп, төрөп албаганда ошол бойдон балалуу болбой калышмак окшойт, байкемдин бир мандеми бар көрүнөт", - деп калат ичинен. Гүлинанын кырдач муруну, кээ бир кыял-жоругу гана Толкунбекке окшошуп кетпесе көбүнэсе Светага окшош. Улам ойгоно берип, тыңгылыктуу уктай албаган Света эрте туруп, тамак жасады, анан кызы жактырган алма-алмуруттан алды да, Надырбекти ойготту. Ал керилип-чоюлуп туруп, жуунуп келгенден кийин чай ичишти. Тамак-ашын алып алган Света Надырбектин жанына отуруп, ооруканага жөнөштү. Алар келсе Гүлина ойгоо экен.

- Кызы-ым, садагаң болоюнум, деги амансыңбы, каралдым? - деп Света баса калып өпкүлөп жатты.

- Кандай, кызым, акыбал дуруспу? - деди андан кийин Надырбек келип чекесинен өөп.

- Жакшы, ата, мен жакшы элемин, чыгарып кетчи, - деди Гүлина тултуңдай.

- Кой, кызым, карачы чекеңди, катуу тийген экен, кудай кана сактаптыр да, карангүн, кудай сактаптыр, - деп Света жарааттарын көрүп өзүнчө эле карбаластап атты. Надырбек унчукпай карап отурат, Гүлина болсо экөө бирдей үйрүлө түшкөнгө адатынча эркелеп, кетем деп туруп алды.

- Кызым, өз абалыңа карасаң боло, сен биерге ойноп келген жоксуң, эки-үч күн жат, жакшылап текшеришсин. Эми сен бойго жетип калбадыңбы, апаңды деле кыйнай бербей, - деди Надырбек.

- Өлсө өлөм да, эмнеге эле мени мынча карайсыңар, дарыланбайм, врачка айтып чыгарып кеткилечи! - деп бакырды эле, жанында жаткан эки келин жылып-жылып чыгып кетишти. - Чыгарбасаңар качып кетем, талаага барып өлөм, Элмурат мени сүйбөсө мен жашабайм! - деди дагы палатаны жаңырта чаңырып.

- Секин эми, уккан-көргөн эмне дейт, кызым, уят эмеспи? - деди Надырбек керебеттин кырына отура калып. - Бой жеттиң, кызым, Элмуратка эртең өзүм барып сүйлөшөм, макулбу?

- Чын элеби, ата? - Гүлина кубанып жадырай карады.

- Качан калп айтчу элем? - Болтогой бетинен чымчып койду.

- Мени алдайм дебе, ата, эгер калп айтып алдасаң мен ээн талаага барып өлүгүмдү таптырбай кетем!

- Кантет, акылы жокторчо, антип айтпа, кызым, адамдын оозунда болсо Алланын кулагында болот имиш, ойносоң да ойлоп сүйлөчү, кызым, - деп Света үрпөңдөп коркуп кетти.

- Мен уктайм, бара бергиле, - деп ата-энесине кайырлашпай эле ары карап жатып алды. Анын көңүлүн жубатыш үчүн айланчыктап экөө бир топко отурушуп, кызы такыр сүйлөбөй койгондо шылкыя палатадан чыгышты. Надырбек Светаны үйгө жеткирди да, Элмурат иштеген фирмага келди. Дал түштөнүү маалы болуп калган. Элмурат чыгып келатып эле Гүлинанын атасын көрүп, байкамаксанга салып өтүп кетмек болгондо:

- Уулум, бир мүнөткө, - деди Надырбек. Элмурат аны таанымаксан боло кайрылып келип, эми тааныгандай түр көрсөттү.

- Саламатсызбы, сизди байкабай эле…

- Отур машинага!

- Эмнеге?

- Отур, анан билесиң.

- Аксакал, мен жумуштамын да.

- Жумуштан кууп ийсе мен иш таап берем, көп сүйлөбөй отур! - дегенде Элмурат машинага отурду, Надырбек унчукпай айдап кете берди. Бир кезде:

- Гүлинага үйлөнөсүңбү же жокпу? - деди үнүн өктөм чыгара.

- Аксакал, азыр менде шарт жок, анын үстүнө биздин ортобузда андай сөз болгон эмес…

- Орто-сортоңду урдум, үйлөнөсүңбү, жокпу?

- Жок, аксакал, мен жалгыз кемпирдин жалгыз баласымын. Азыр үйлөнө албайм.

Надырбек үндөгөн жок, унчукпай айдап кете берип, шаардын ээн жак четине алып чыгып, унаасын токтотту да:

- Түш жерге! - деди. Элмурат түшүп, андан коркуп тургандай кебетелене четтей туруп калды. - Жашоо керекпи сага? - Надырбек көзүн чакырайта караганда жигиттин жүрөгү шуу этип алды.

- Ооба, - деп нымтырады Элмурат.

- Анда Гүлинага үйлөнөсүң!

- Аксакал…

- Болду, эгер буйтап кетем десең өз убалың өзүңө! - деген Надырбек кайрадан буйрук берди. - Отур!

- Кайда?

- Бара көрөсүң, - Чоң жол менен ызылдата катуу айдап келип, республикалык оорукананын алдына токтошту. Элмуратты ээрчитип Гүлина жаткан палатага киргенде кызы тура калды:

- Элмурат!

- Сага эмне болду? - деп сурады жанына келген Элмурат. Надырбек болсо байкатпай кайра чыгып кеткен. Жанында жаткан аялдар сыртта жүргөн эле.

- Көрүп турбайсыңбы? - деди бултуңдай Гүлина, - Машинадан авария болдум, сен мага үйлөнбөй турган болсоң баары бир өзүмдү өлтүрөм.

- Жинди болдуңбу, сен экөөбүз жөн гана таанышпыз го, сүйөм деп качан айттым, сен баланын ишин кылба, Гүлина!

- Айтканымдан кайтпайм, - Тескери карап жатып алды.

- Өзүңдү-өзүң өлтүрө бер, менин сага үйлөнө турган шартым жок, акылыңа кел да, үйлөнчү эркекти башка жактан изде! - деп чоң-чоң аттап босогого жеткенде Гүлина катуу чаңырып жиберди.

- Элмура-ат!

- Эмне деген жинди кызсың, мен сени менен өмүр бою кыйналып жүргүм келбейт, - деди кайра жанына жетип келген Элмурат. - Деги сенин эс-акылың ордундабы?

- Ордунда эле, мен сени сүйөм. - Гүлина ыйлап турду. - Мен сени сүйөм, Элмурат, сүйөм сени!

- Кыз киши кантип сендей болсун, эсиңди жый дагы ата-энеңди аяп, башкага турмушка чык! - деп анын ыйлаганына карабай Элмурат палатадан чыгып кетти. Каалганын артында турган Надырбектин кызына боору ооруп, ушул азыр Элмуратты тытып жеп ийгиси келди. Ошол убакта эшиктен кирип келаткан эки аял аны аңырая карап коюп кирип кетишкен. Көп өтпөй эле кыйкырып калышты. Чочуп кеткен Надырбек кирип келсе Гүлина өзүнө укол куйган ийненин учу менен кол тамырын мыкаачылык менен кескилеп, жырткычтан бетер жыртып жаткан экен. Бакырыкка чуркап келген медайым анын колундагы ийнени жулуп алып, канаган жерин бинт менен байлады. Гүлина да, Надырбек дагы унчуккан жок, болгону Гүлина үнсүз ыйлап жатты.

- Ата, сенин колуңдан баары келет, бир гана Элмуратты баш ийдириш келбедиби, мен ансыз жашабайм, ата, аны кайтарууга жардам берчи мага! - Өпкө-өпкөсүнө батпай соолуктай берди.

- Кызым, болгон аракетимди жумшайм, эртең жалынып келе турган кыламын, кам санаба, - деген Надырбек каңырыгы түтөй палатадан чыгып, врачтын кабинетине кирди. Врач жок экен, оорулуулар менен жүрсө керек, медайымга дайындап коюп кетти. Өзүнүн кабинетине келип Элмурат иштеген ишкананын телефон номурун тапты. Бир кезде фирманын президенти алып:

- Алло, угуп жатам, - деди.

- Керим Узакбаевич бекен?

- Ооба-ооба, мен ким менен сүйлөшүп жатам?

- Мен Надырбек Бекешковичмин, сенде аз-маз жумуштар бар эле...

- Оо, Надырбек Бекешович, кандайсыз, ден-соолуктарыңыз жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, - деди Надырбек креслосуна чалкалай отуруп алып. - Сенде Элмурат деген жигит иштейт экен, ошону жумуштан бошотуп кой…

- Эмнеге, Надырбек Бекешович?

- Айтканды аткара бер да, Керим, аны мага жөнөт, кийин угасың, - деп карсылдай күлдү.

- Жарайт, Надырбек Бекешович, менин эң жакшы менеджерим эле да, макул эми сиздин бир сөзүңүз, - деди шыпылдай Керим Узакбаевич.

- Макул анда, Керим, бир күнү чайлашаарбыз.

- Жок-жок, мен сизди чайга чакырсам болот эле.

- Көрүшкөнчө, - деп Надырбек трубканы койду. Ошол эле күнү Элмурат кечке жуук жумушунан чыгып, үйүнө жөнөдү. Анткени аны президенттин жардамчысы жумушунан чыгарып: "Надырбек Бекешовичке жолук, балким ал башка жумуш таап берээр", - деген болчу. Ошондуктан ал үйүнө зээни кейип кетип баратып, күңгүрөнө сөгүнүп да алды. Гүлинага жини келип: "Энеңди урайын десе, анын жинди кызын алып, өмүр бою кыйналып жүргүдөй алым жок. Өлсөм да өзүмчө оокат кылам, базардан эле жумуш издейм", - деп аялдамага келди. Аны камалап жүргөн машина ал түшкөн маршрутканы ээрчип кете берди. Артынан калбай жүрүп отуруп, ал түшкөндө байкатпай алдыга өттү, кайра артта калып, анын кайсы үйгө киргенин көрүп, анан артка кайтты. Элмураттын сабыры суз, кабагы салыңкы келгенин көргөн Дарийка:

- Балам, сага эмне болду? - деди дасторконун жайып жатып.

- Жумуштан чыктым, апа.

- Эмнеге?

- Бир чириген байдын кызынын азабынан.

- Эмне дейт ал?

- Жөн эле, апа, башка жумуш табам, кабатыр болбоңуз.

- Мейли, уулум, өзүң да капаланба. - Эне-бала ошентип сүйлөшүп, чай ичип отурушканда Элмурат капысынан:

- Апа, үйлөнсөм болобу? - деди.

- Эмне дейсиң, балам? - Эне уулун жаңы көрүп тургандай таңгала карап калды. Үйлөнөм дегенине бир эсе кубанып кеткен эле.

- Үйлөнөйүнбү? - Элмурат апасын күлө карады.

- Эмнеге болбосун, уулум, үйлөнсөң болот эле, бирок чамабыз чак, садага…

- Эчтеке болбойт.

- Өзүң бил, үйлөнсөң кийит-кече керек дегендей, жыргаар эчтекем жок, жеңетай той дегени болот, аларды кантебиз?

- Табылат, апа, үйдү актап, тазалайын ээ? - деди Элмурат, ал Гүлинага үйлөнүп, анын атасынын аркасы менен эптеп максатына жетмек болгон. "Мен жабышкан жокмун, өзүнөн көрсүн, эми бирдеке десе үйгө алып келип көрсөтөмүн. Болсо болду, болбосо экинчи тынчымды албай турган болот", - деди оюнда, бир чети ага өчөшүп да турган эле. Эртеси таң атпай эшигинин алдына машина токтоп, кара көз айнекчен жигит Надырбек Бекешовичтин чакырганын айтып, шашылыш алып кетти. Гүлина үйүндө экен, Элмуратты көрүп эле:

- Элмурат, чын эле үйлөнүүгө макул болдуңбу? - деди жанына жүгүрүп келип.

- Гүлина, эсиң менен болчу, - деди Элмурат акырын аны тыя.

- Ата-а! - деп Гүлина сүйүнө секирип-секирип, бакырып алды.

- Эмне болду сага, акылың жайындабы? Менин үйүмө барып, апамдын чайын кайнатып, кирин жууйсуңбу анан? - деди дагы Элмурат шыбырай.

- Ооба, баарын жасайм, сени менен бирге болсом болду.

- Анда макулмун, менин үйүмдө сеникиндей шарт жок, ошого көнүшүң керек. Шартым жок десем болбой жатасың, үйлөнгөндөн кийин бул үйгө келбей менин үйүмдө болосуң.

- Макулмун, Элмурат! - деп Гүлина мойнун асыла кетти. Мунун баарын ата-энеси көрүп-угуп, үстүңкү кабатта өздөрүнчө капаланып отурушкан.

- Бу кызың акылынан ажырап калгандан сообу?

- Эмне кыл дейсиң, балким күйөөгө чыкса токтолуп калаар, атасы, ачууланбачы эми. Элмурат акыл-эстүү жигит экен.

- Ошонун да убал-сообу бар го, жинди кызыңдын өмүр бою азабын тартып жүрө береби, андайга чыдай албайт дагы, - деп экөө акырын шыбыраша карап отурушту.

- Мен кеттим, өзүң бүтүрө бересиңби эми? - деди Элмурат кызды сынай карап.

- Атамдар менен тойду сүйлөшөбүз жүрү, - деп Гүлина аны колдон ала ичкери жетелеп кирди. Алардын кирип келатканын көрүп, Надырбектер ылдый түшүп келишти.

- Ата, апа, Элмурат экөөбүз үйлөнмөк болдук, - деп сүйүнчүлөй кубанып кирди Гүлина.

- Куттуктайм, кызым, - деп Света кызын эркелете карап өөп койду.

- Качан? - деди Надырбек.

- Силер дайындалгыла, - деди ой-санаасы жок эле Гүлина.

Ошентип алардын тоюн Надырбек ресторанда өткөрдү, себин чүмкөмө машинеге жүктөп, Элмураттын үйүнө жеткирип берди. Дарыйка алына жараша дасторкон жайып тосуп алды. Туугандарынын оозу ачылып эле калды, анткени чет элдик эмеректер менен жууркан-төшөктөрү көздү уялтып, кымбат баалуу буюмдар толтура келген эле. Алар чакан той берди. Надырбек Элмуратты өзүнүн фирмасына киргизип, алдына машина берди. Гүлинанын өз машинасы бар, күндө жумушуна келип, күйөөсү менен түштөнөт. Бир күнү Элмурат Гүлинага:

- Сен мага убада бердиң беле? - деди түштөнүп отуруп.

- Элмура-ат, убада бердим, жашап жатам го?

- Бул болбойт, апам үйдө жалгыз калып жатат, ал келин алганда чай кайнатып берет, киримди жууп берет деп кубанган. А сен менин артымдан жүрөсүң, апам болсо жалгыз отурат, ушу кантип болсун?

- Кир жууп, тамак жасаганга бирөөнү жалдабайлыбы, Элмурат?

- Болбойт, менин иштеп тапканым өзүбүзгө араң жетет, кызматчыга да акча төлөш керекпи?

- Ага кабатыр болбо, өзүм төлөйм, үйгө сөзсүз кызматчы алабыз, жаным, кам санаба, - деп кылыктана күлдү.

Айткандай эле бир келинди үй кызматчы кылып алып келди. Күнү кечке тынбай үй жумушун жасап, кир жууп, тамак бышырып, кечинде Дарыйка жаткан бөлмөгө жатып алат, кетип-келип иштегиси келбеди. Гуля өзү күйөөдөн чыккан, бир баласы бар, токтоо келин. Гүлина аны алып келгени менен Элмуратты андан кызгана баштады. Эшикте жүргөн Гуляга Элмурат бир күнү:

- Гуля, жумуш оор болгон жокпу? - деди боор ооруй карап.

- Оорбу-жеңилби, жумушум болгондон кийин иштейм да.

- Ошентсе да…

- Аялыңыз абдан эрке окшойт?

- Ата-энесинин эркеси, мага эмес, - деп басып кетти Элмурат. Ал экөөнүн сүйлөшүп турганын көрүп калган Гүлина сыртка жүгүрүп чыкты.

- Өз местаң кайда экенин билесиңби деги, менин күйөөмдө эмне жумушуң бар? - деп Гуляга айкырды.

- Күйөөңүзгө ашыкча эч нерсе дегеним жок, бир нерсе керек болсо айтышым керекпи?

- Ага эмес, мага айтып жүр, аны менен экинчи сүйлөшкөнүңдү токтот! - деп коюп үйгө кирди. - Сен эмнеге кызматчы менен сүйлөшөсүң, эмне, ал сага жагып калдыбы? Мен сени атама айтам, - деп ыйлактай өз бөлмөсүнө кирип кеткенде Дарыйка артынан кирди.

- Балам, болоор-болбоско минте бербегин, аны да өзүң алып келдиң. Элмурат үйдүн ээси болгондон кийин сүйлөсө сүйлөп койгондур.

- Мен анын эч ким менен сүйлөшкөнүн каалабайм.

- Кой антпе, кызым, мынчалык болгондон кийин ынтымактуу жашагыла, айланайын. Күйөөнү чүнчүтүп жибересиң, көп эле минте бербе.

- Эмнеге аны менен сүйлөшөт?

- Эми сүйлөшсө сүйлөшүп койот да.

- Болду, Гүлина, тойгузуп жибердиң! - деди ошондо кирип келген Элмурат. - Дагы бир жолу ушинте турган болсоң жүгүңдү жүктөп жеткирип койом!

- Эмне-е, мени жеткирип коюп жанагы служанканы алганы жатасыңбы, мен эч жакка кетпейм, ушул үйдөн өлүп тынам! - деп ажылдап жатып мостойо отуруп калды. Алардын бөлмөсүнөн чыккан Дарыйка уулуна боор ооруп турду.

- Апа, башка жакка көчүп кетип калалычы? - деди Элмурат аргасы түгөнгөндөй.

- Эмне болду, уулум?

- Гүлинадан тажадым, апа.

- Кой, балам, бирөөнүн жалгыз кызы болсо, токтолот да, төрөп түшүп алса токтолуп эле калат, - деп жоошута сүйлөдү Дарыйка.

- Токтобосо койсун, көргүм келбей калды, - деп үңкүйдү Элмурат.

- Садагаң кетейин десе, чыда, балам, мен деле чыдап жүрбөйүмбү. Кокус көзүм өтүп кетсе ата-энеси сага арка бел болот, уулум, жалгызсың өзүң дагы, кайнатаң дурус киши.

- Дурус болбосо койсун, - деген Элмурат Гүлинаны тажаткысы келди. Анан жумушуна барат да, ал келгенде башка иштешкендери менен тамактанып жаткан болот, ал чакырса тоюп алдым деп жумуштан чыкпай койот. Ошентип ал Гүлинага тескери иштерди жасай берип, көңүлүн калтырмай болду. Бир күнү жумушунан кеч кайтты. Гүлина үйгө отуралбай тынчы кетип, сыртта күтүп турган:

- Эмнеге кечиктиң? - деди жолун тосо.

- Иштер бар. - Бурк этти Элмурат.

- Кандай иштер?

- Сени менен кеңешип отурамбы?

- Эмнеге айтпайсың?

- Айтпайм, өзүмчө жумуш.

- Кечиксең мындан ары мен кошо жүрөм. Сен эмнеге менден качасың? - Гүлина ыйламсырай жабышты.

- Турчу нары. - Элмура аны көкүрөккө түртүп, үйүнө кирди. - Мындан ары менин кайда барганымды тескебей жүр!

- Эмнеге?

- Ошого, мен сага жаш эмесмин, кимдин катыны сендей болуп тескеп жатат, сен эле бара бересиң, барбагын экинчи.

- Барам, мен сени жакшы көрөм.

- Мен сени көргүм келбейт.

- Эмне-е, эмне деп жатасың? - Гүлина көздөрүн бакырайта карап калды. - Жакшы көрбөйм дейсиңби?

- Ооба, чынымды айттым, качан сени сүйөм дедим эле?

- Элмура-ат! - деп Гүлина жер тепкилей баштаганда Элмурат аны карыдан мыжыга кармап:

- Үнүңдү чыгарба, өзү жабышып тийген ушундай болот, зордоп мени менен жашай албайсың. Кааласаң, каалабасаң дагы мени үйдөн күтөсүң, күтө албасаң жүгүңдү жүктөп ал да, жолуңа түш! - деп түртүп ийди. Гүлина отура калып ыйлап жиберди. Кошунасыныкында отуруп, эми келаткан Дарыйка короодо ыйлап отурган келинин көрүп:

- Эмне болду, балам? - деп сурады.

- Элмурат мени жүгүңдү жүктөп кет деп жатат. - Гүлина өңгүрөп ыйлап киргенде жини кайнаган Элмурат:

- Сенин жаш баладай кыял-жоругуңа ата-энең чыдаар, а мен чыдай албайм. Жашайм десең, мени жакшы көрсөң кыялыңды оңдо, болбосо бул үйдө турба! - деп көчө тарапка басып кетти.

- Кой, балам, ыйлаба, эр деген ошентет, аял деген чыдап жашайт, чыда, айланайын, - деп Дарыйка Гүлинаны өйдө тургузуп, үйгө алып кирди. - Анын артынан жүрчү болбо, эркектер ошондой болушат, кайнатаң да ошондой болчу, келгенде такып сурай бергенди жаман көрчү.

- Мен аны жакшы көрөм, сүйөм да, апа, ал мени жакшы көрбөйм деп жатпайбы.

- Ошенте берет, сен ага тырчыба, тынч гана үйдө болуп тур.

- Мен атамдарга кетем, - деп Гүлина кийимдерин чогулта баштады.

- Кой, балам, кудаларга барба, турмушту чыдап жеңиш керек, силер азыр жашсыңар, жашоонун өйдө-төмөнү болбой турмуш болбойт, - дегенине көнбөй булкуна чыгып кетип калды. Бир аздан кийин Элмурат үйгө кирди.

- Кеткени жакшы болду.

- Ошонуң кантип болсун, балам, артынан барып алып кел.

- Барбайм, ушундан тажадым, апа, кетсе кете берсин. Ата-энесин ээрчитип, эмеле өзү жетип келет, аларга да ушуну айтам, - деп ашмачы алып келген тамакты ичип отуруп Гуляга айтты. - Сен капа болбо, Гуля, эртең бара бер, телтеңдеген немени үйүнө куудум.

- Макул, бирок бул ай бекер иштеймби, Элмурат?

- Мен берем, - деди өйдө карабай. - Бир айга канча төлөөчү эле?

- Үч миң.

- Мына ал, - деп чөнтөгүнөн миң сомдуктан үчтү алып чыгып берди. - Биз али жумушчу жумшай турган абалда эмеспиз, капа болбо, эми келсе өзү жасай турган болот, болбосо кетет, - деп туруп кетти.

- Балам ай, өзүң кабылып алып, кутулушуң кыйын болду, бир аз чыдасаң ал да баарына көнүп кетээр, - деди Дарыйка кейий.

- Оңолбойт, апа, өмүр бою ушунун кыялына кантип чыдап жашайм.

- "Агара жортсоң кызара бөртөсүң" деген бар, бир үйдө ою менен болуп чоңойгон кыз экен. Кой, уулум, кесир болбосун, артынан бар, - деп болбой эле Дарыйка Элмуратты кыстап туруп алды. Ал жалгыз баласына Надырбекти өбөк-жөлөк болот деген ойдо көңүлү тынып жүргөн. Гүлинанын да чалпоо мүнөзүнө чыдап, "Акыры калат, токтолот", - деп ойлоочу. Арадан эки сааттай убакыт өткөндө эшикке машина келип токтоду. Дарыйка менен Элмурат жарыша чыга калды.

- Келгиле, куда, келгиле, айланайын. - Дарыйка утурлай басып учурашып атты.

- Келдик-келдик, кудагый, жакшы жатасыңарбы? - Надырбек кол алыша учурашты. Света дагы жылуу учурашып ичкери киришти.

- Ийи, балам, кандай болуп кетти, урушуңардын себеби эмне? - деди Света.

- Апа, өзүңөр туура түшүнсөңөр, өзү айтсынчы, - деди Элмурат.

- Мен сени сүйбөйм, жакшы көрбөйм дедиңби өзүң? - деди ошондо Гүлина.

- Туура айттым, сен менин жумушума кайра-кайра бара берсең айтам да, кимдин аялы барып жатат, түшүнсөң өзүң.

- Кызым, жумушуна эмне бардың? Буга деле уят да, кайсы аял күйөөсүнүн артынан жүрсүн? - деди Надырбек уялгандай. - Аял деген үйдөн күтөт.

- Мен эми барбайм, - деп жер карады Гүлина. Элмурат анын азыркы турушун көрүп, күлкүсү келди, кадимки мугалимдин алдында турган күнөөлүү окуучу сымал эле.

- Элмурат, Гүлина биздин жападан жалгыз кызыбыз, анча-мынча эркелигин көтөрүп кой, бул да кагылат, токтолуп адам болот, - деди Света токтоо.

- Элмуратым да жалгыз, эми экөөнө тең кудай жар болсун, кудагый. Мен ушу балама өбөк-жөлөк болот деп жүрөм силерди, балдарынын кийинки жашоосун кимдер ойлобойт, ушу деп өмүр бою санаада жүрөм. Гүлинаны кызымдай эле көрөм, экөөнүн ынтымактуу болуп жашаганын тилеп отурам мен дагы.

- Туура, эне-ата балдарынын ынтымагын каалабай анан.

- Кой анда, биз баралы, - деп Надырбек өйдө болмок болгондо Дарыйка аны отургузуп койду:

- Ботом, куда, куда-кудагый бири-биринен чеке жылытып, чай ичпесе кантип болсун, чынын айтсам силерди ыраазы кылып чай бере элекмин. Гуля, айланайын, тамагың бышса алып кел, куда-кудагыйым ичип кетсин, - дегенде Света менен Надырбек бири-бирин карап уялып калышты.

Чынында кызынын жетим баланы сүйөм-күйөм деп болбой тийип алганына нааразы болуп, кудагыйын чакырып чай дагы бере элек болчу, алардын өздөрүнө теңдүү жерден куда күтсөк деген ойлору бар эле. Дарыйка семиз эттен жасалган беш бармакты дасторконго коюп, Элмуратты жөнөтүп жакшы коньяк алдырды. - "Куда болгуча кулу-бийиңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш" деген, куда. Алсыз аял, арсыз жетим болсок да ата-бабадан келе жаткан салтты билебиз, тарбия-таалим бар бизде. Ырас силер менен тең тайлаша турган кудуретибиз жок, балдардын насибин кудай кошуп койгон үчүн эшигибизди аргасыз аттап отурганыңарды да жакшы түшүнөм. Кана, куда, сыйымды кабыл алып, мындан алып койгула эми, - деп стакандарга коньяктан куюп, Надырбек менен Светага сунду, бирин өзү кармады. - Мен ушул жашка келип ичип көргөн жок элем, уул-келиним үчүн уу болсо да ооз тийейин.

- Рахмат, кудагый, аял болсоңуз да уулуңузду жакшы тарбия берип өстүрүпсүз, нике кайып дегендей Алла таалам пешенеге жазганын гана көрөт турбайбы? - деди Света.

- Ооба, кудагый, биз жыгылыштуубуз. - Надырбек коньякты колуна алып өйдө көтөрдү. - Гүлүм менен Элмураттын бактысы үчүн сиздин сыйыңызды кабыл алам, - деп алып ийди. Дарыйка ооз тийип кайра койду. Ошентип Дарыйка куда-кудагыйын сыйлап узатты. Гүлина ал күнү калып, бир ойго келе албай, кыска оюнда Элмуратты өзүнө жалдырайт деп ойлоду, бирок ал төшөккө жатканда да тескери карап жатып алды. Жинденген Гүлина ыйлап жатып уктап калды. Ал эртеси Элмурат кеткенден кийин кийинип алып, чыгып баратканда Дарыйка:

- Кайда барасың, кызым? - деп суроолуу карады. Гүлина:

- Жумушум бар, - деп коюп машинасын айдап чыгып кетти. Ошол күнү ал кафеге кирип, пиво ичип жалгыз отурган. Жанына бир жигит келип отуруп калды:

- Сиз бирөөнү күтүп жатасызбы, чоң кыз?

- Жок.

- Жалгыз отуруп зериктиңиз го, бирге отуралы, мен дагы жалгызмын, - деп күлө карады.

- Зериккеним жок.

- Койсоңузчу, зериккениңиз байкалып турат, сулуу кыздарга мындай суздук жарашпайт экен, күлүп турган жарашат сизге.

- Эмне дедиңер, мен сулуумунбу? - Көздөрүн чоң ача карады.

- Абдан сулуу экенсиз, сизге сүйлөөдөн да сүрдөйт анча-мынча жигит.

- Ыраспы? - Күлүңдөй карап кайра мостойо түштү. - Анан эмнеге менин сулуулугум Элмуратка жакпайт? - деп өзүнчө сүйлөндү.

- Ал ким өзү, сиздин ушул жаркын жүзүңүздү жакшылап көрө албаган жүрөгү сокур неме го?

- Туура-а, анын жүрөгү сокур…

- Атыңыз ким, сулуу кыз?

- Гүлина.

- Менин атым Турсун. - Колун сунду эле, Гүлина да ага кол берди. - Сиз өтө капаланып турупсуз, мен көңүлүңүздү көтөрүп койойун, - деп дароо официантка заказ кыла баштаганда Гүлина:

- Тим коюңуз, өзүмдө деле бар, төлөп койом, - деди көздөрүн күлүңдөтө. Ал кызып калган эле. Турсун жетим бала болчу, ага ушул кыз жагып турду. Анын турган турушу менен сумкасынан акча бурап чыкканы жага түштү. "Бир байдын кызы болсо мен эптеп жагайын", - деген ойдо ички сырын тартмак болду.

- Гүлина, жигитиң барбы?

- Күйөөм бар.

- Ошондойбу, мен сизди бойдок кыз экен дедим эле, - деп ындыны өчө түштү. Гүлина өзү эле сырын айта баштады.

- Мен аны сүйгөмүн, ал мени сүйбөйт, жактырбайт, мен андан кетишим керек, качанкыга жалдырап жашайм, айтыңызчы? - деди кыз жашын төгө.

- Гүлина, сүйө турган адамды сүйбөпсүз да, сизди көрүп менин жүрөгүм ээленип алды, кантип унутам эми, же жолукпай калсаң эмне? - деди кабак бүркөй. - Айла жок.

- Сиздин аялыңыз барбы?

- Жок, көңүлгө толоор кыз издеп жүрөм.

- Аа-а, ошондойбу?

- Так ошондой, сизди бир көргөндө жактырдым, Гүлина.

- Айла жок, күйөөм бар, - деген Гүлина турайын деп баратып, теңселип, жыгыла жаздаганда Турсун кармай калды.

- Мен сизди узатып койойун.

- Өзүм кетем, машина бар.

- Сыртка чыгарайын анда. - Колтуктап сырттагы машинасына алып барды. - Сиз бул түрүңүз менен бирдемеге учурап калышыңыз мүмкүн, - деп рулга өзү отурду.

- Жо-ок, өзүм айдайм. - Гүлина болбой рулду талашып атып, отурган ордунда дароо уктап кетти, пивону ашыкча ичип алган. Турсун кайда айдаарын билбей көпкө ойлонду да, өзүнүн жашаган батирине алып келди. Гүлина катуу уктагандыктан, кечке чейин ойгонбоду. Турсун анын уктап жатканынан пайдаланып шорпо жасады. Ал негизи тың жашачу, колунан келген адамдарды койо бербей бучкактап, эптеп жагуунун аракетин көрүп, базарда иштечү. Эч кимиси жок, атасы жашында өлүп калган, апасы жакында көз жумду, карындашы турмушка чыгып кеткен. Бир иниси бар, айылдагы тагасынын колунда мектепте окуйт. Гүлинанын пешенесине ушундай жетим балдарды жазганбы, ал эми Турсун менен тагдырлаш боло турган болуп калды. Кеч күүгүмдө ойгонгон Гүлина жаткан жерин көрүп чочуп кетти, аны карап турган Турсун:

- Кандай уктадыңыз, сулуу? - деди күлө карап.

- Сиз мени эмнеге биякка алып келдиңиз?

- Кайда алпараарымды билбесем эмне кылам?

- Кечириңиз, мен кетишим керек, - деп туруп кетмек болгондо Турсун анын алдын тосту:

- Мен сизди мындай жөнөтө албайм, шорпо даярдап койгомун, бир аз өзүңүзгө келип алыңыз.

- Жок, күйөөм эмдигиче келип калды го?

- Келсе келет да, сиз аны сүйсөңүз, ал сизди сүйбөсө, мен сиздин жамалыңызга гана карап отураар элем, андай мүмкүнчүлүк мага буйрубаган экен, - деди башын жерге салып. - Келиңиз эми жок дегенде дидарыңызды бир аз карап отурайын, сиз даам татып кетиңиз.

- Чын эле сиз мени жакшы көрүп калдыңызбы? - деди Гүлина ага суроолуу тигиле.

- Чын сөзүм, ойлоп көрсөм ушул кезге чейин бир да кызды сиздей көңүл буруп карабапмын, - деп шыпылдады Турсун, болгондо да бечара болуп турду.

- Сиз эгер мени сүйөсөңүз мен күйөөмдөн кетем, аны менен ушул беш айдын ичинде эки гана жолу жаттым, ал мени жек көрөт, - деп шар кетти Гүлина. - Менин телефонумду ал, байланышып турабыз.

- Жаркыным, анда мени сен кандай гана бакытка бөлөөр элең? - деди ого бетер жармашкан Турсун. Көпкө тамак ичип, пиводон жутуп коюп отура берип, кеч болуп калды. Гүлина машинасын айдап түнкү он бирлерде келди үйгө. Элмурат уктап жаткан, акырын кирип жанына отурду да:

- Элмурат, сен чындап эле мени сүйгөн эмессиңби? - деди.

- Уктачы, бай болгур, - Элмурат ыңгырана сүйлөдү.

- Эгерде мени сүйбөсөң ажырашалы…

- Бара бер, ЗАГСты кестирип койобуз, - деди Элмурат кайдыгер.

- Ыраспы, сен мени кымындай дагы сүйгөн жок белең? - деп Гүлина ызалана ыйлап жатты. Элмурат унчуккан жок, Гүлина аны: "Жинди десе, мен сени сүйөм, сен абдан эркесиң, эркелигиң гана жакпайт", - деп кучактайт деп ойлогон. Козголбой жатып алганы ого бетер ыза кылды. Туруп алып кийимдерин, керектүү буюмдарын машинага жүктөп койду. Түнү бою ойлонуп чыкты. Таң эрте кат жазып калтырып, чыгып кетти. Негедир ушул алты ай ага турмуштук сабак болгондой эле болду. Катты мындайча жазган эле: "Элмурат, мени кечир, сени чын жүрөктөн сүйгөмүн, бирок ал сүйүү деле эмес экен, мен башканы сүйүп калдым, ал дагы мени сүйөт. Ошондуктан сага өзүмдү таңуулай бербей кетмекчи болдум, балким экөөбүзгө тең ушул туурадыр. Мен турмушка жеңил көз караш менен карап, каалаганымды аткартып, өзүмчүл болуп өсүптүрмүн, көрсө. Терең ойлонуп көрсөм биз мындан ары жашай албайт экенбиз. Сен мага жашоону үйрөттүң, өзүңдү-өзүң сыйлоо керек тура, менде андай сапат да жок эле. Кеч түшүндүм, кечир, Элмурат, мен сага ата-энем бергендин баарын таштадым, менин сага деген сүйүүмдүн белеги болсун. Кош бол, Элмурат.", - деп коюптур. Элмурат катты окуп, таңгалып калды. "Дагы кандай бир бечараны сүйөм деп башын айлантып алды экен, балким дагы бир шылуундун колуна түшүп, алданып жүрбөсүн?" - деп ойлоно кайнатасынын кабинетине кирип, катты алдына таштады.

- Бул эмне?

- Кат.

- Эмне деген кат? - Надырбек чекесин тырыштыра күйөө баласын карап алып, катты окуду. - Сен эмне, ага такыр көңүл бөлбөй койдуң беле? - деди кекеткендей.

- Ырас мен Гүлинаны сүйгөн эмесмин, бирок жаңыдан бериле баштагамын, - деди Элмурат ойлуу. - Менин сизге келгеним, дагы бир шылуун, болбосо алдамчыга жолугуп калбасын деп чочулап турам.

- Бар, бара бер, ага өзүм жолугам.

- Макул, жакшы калыңыз, - деп Элмурат чыгып баратканда Надырбек аны жек көрө карап турду.

- Акмак, мен сага сүйүүнү көрсөтөм, - деп алды өзүнчө кыжына. Элмурат эс ала түштү, ата-энесине айтпай коюп, күнөөлүү болуп калбайын деген ойдо болгон. Бир оор жүктөн кутулгандай оор улутуна: "Өх", - деп алды да, жумушуна жөнөдү.

Гүлина дароо эле Турсун жашаган батирге келди. Ал тура элек болчу, кирип келип босогодо туруп калды. Катуу уктап жаткан Турсун бирдемеден чочугандай көзүн ачып жиберди.

- Гүлина, сен келдиңби?

- Ооба, сага өзүмдүн келгеним уяттыр…

- Жо-ок, эч нерсе эмес.

- Азыр экөөбүз ата-энемдин алдына барабыз.

- Ушунча тезби? - Турсун таңгала кийинип, өйдө туруп отурду да: - Эмне дейбиз? - деди.

- Сен мени сүйөөрүңдү айтасың, алтургай мурдатан эле таанышпыз дейсиң.

- Болуптур, айтканыңдай болот.

- Анда кеттик, менин сүйөм дегениме мурун ишенбей койгон дегин, - деп сөз үйрөтүп жатты.

Алар машина менен заңгыраган эки кабат үйдүн алдына токтогондо Турсун жым дей түштү, "Демек эми жашаса болот, Гүлинанын арты менен көп нерсеге жетишем, буйруса. Мага сүйүүнүн эмне кереги бар?" - деген ойдо Гүлинанын жетегинде ичке кирди. Надырбек жумушка кетип, Света өзү эле болчу. Кызынын бөтөн жигитти колунан алып жетелеп келе жатканына жүрөгү сыздай түштү. "Мунун акыл-эси ордунда эмес, жалгыз кыз деп ою менен болуп койсо таптакыр адебинен кетти", - деп ачуулана алдынан чыкты.

- Ай, кыз, бул эмнең?

- Апа, мен Турсунду сүйөм.

- Басчы биякка, - деп Гүлинаны ачуулуу колунан ала аркы жактагы бөлмөгө жетелеп барып, - Акыл-эсиңди таптакыр жоготуп койдуңбу? - деди олурая.

- Апа, мен анда Турсун менен каалаган жакка кетем! - деп сөз укпай жүгүрүп жөнөгөндө Турсун аны кармап калды.

- Кечириңиз, апа, мен Гүлинаны башынан сүйөм, бизге уруксат бериңиз.

- Мунун эри бар, мунуңар болбойт, мен эчтеке билбейм, - деп Света терс бурулду.

- Апа, мага акча керек, - деп Гүлина кайра апасына кайрылды.

- Акча жок менде, сен үйдө кал, атаң келгенде сүйлөшөбүз, - деп үчөө турганда Элмурат кайнатасы берген машинаны айдап келип киргизди да, алардын жанына келип:

- Апа, мени кечириңиз, дагы бир келгенде үйдөгү септи алып келип берем, мына машинанын ачкычы, - деп сунду. Турсундун көзү жайнай түштү, "Бул машина, буйруса, меники болот экен, ушундай адамдардан безе качкан неменин бир ишенгени бар же жеткен акмак", - деп ойлонуп алды.

- Силерге эмне болду, Элмурат? - деп Света Элмуратка кайрылганда Гүлина ортодон чыкты:

- Сураба андан эчтеке, мен аны жек көрөм, апа, жоголуп кетсинчи көзүмө көрүнбөй! - деп жер тепкилей кыйкырып ийди. Элмурат үн дебей Турсунду бир карады да, короодон чыгып кетти.

- Апа, мен Гүлинаны тээ көптөн бери сүйөм, бул мени тоотпой өчөшүп ушуга кетип калган, биз эми бири-бирибизсиз жашай албайбыз, - деп Турсун жанталашып кирди. Света унчукпай үйдү карай басып баратканда короонун оозунан Толкунбек аялы, баласы менен келип калды. Алар көп каттайт, он жети жыл илгерки окуянын болуп өтүшү эми түш сыяктуу эле. Бирок Толкунбек кыздын ашепке эркелигин жактырбай: "Мынча эмнеге эрке кылып коюшкан, акылы да кем болсо керек", - деп ойлоп койчу. Анткен менен ортодо кыз жөнүндө сөз болчу эмес. Эми Света аларды утурлай басып тосуп алды.

- Келгиле-келгиле, кандай, акем менен жеңемдер жакшы жатабы?

- Жакшы-жакшы, жеңе, өзүңөр кандайсыңар?

- Кудайга шүгүр.

- Жеңе, жакшы жүрөсүзбү? - Толкунбектин аялы Нурийла кол бере учурашты, төрт-беш жашар баласын өөп койду Света. Алардын көзүнчө эч нерсе дей албай чогуу үйгө киришти. Турсун үй ичине киргенден кийин да кымбат, чет элдик буюмдарды көрүп эмнеси болсо да Гүлинанын бутун кучактап өпкөнгө даяр болуп, жагынуунун амалдарын ойлой баштады. Толкунбектерди коноктомок болгон Светага Турсун жардам берип жатты, эт бузуп, казанга салып, отун жарып жүрдү. Света негедир ага ичи жылып, "Дурус жигит окшойт, Элмурат өзү жалгыз, карапайым болгону менен келип кызмат кылган да жок, корсойгон неме экен. А бул Надырбекке да кол-бут болчу неме көрүнөт", - деген ойдо болуп жатты.

- Карындашым, кандай анан, окуюн деп жатасыңбы? - деп Толкунбек Гүлинага кайрылды.

- Жок, окугум келбейт.

- Эмнеге?

- Жөн эле, - деп туруп кетти Гүлина.

- Окуганың жакшы эмеспи, байкемдин арты менен окуп-чокуп алганыңда дурус болмок.

- Ушундайыңарды койгулачы, байке, китеп окуп башымды ооруткум келбейт, - деп ал өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.

- Тим койсоңчу, өзү билет да. - Нурийла күйөөсүн нукуп койду.

- Деги айтам да.

- Айтпа, окуса окуур, окубаса өздөрү чечет.

- Мейли, койдум эми, - деп күлүп калды Толкунбек. Сырттан кирген Света:

- Бул кызды оку десек болбой койду, турмушка чыккан, - дегенде Толкунбек жеңесине таарыныч кылды:

- Ушунуңар кантип болсун, жеңе, бир кыз берсеңер, айтып койбогонуңар жакшы эмес, карындашымды өзүм кубалап барбайт белем?

- Эч кимди деле айтканыбыз жок, жетим-жесир экен…

- Өзү жактырса болду да, бактылуу эле болсун, жеңе.

- Айтканыңар келсин.

- Кай жерлик экен?

- Чүйлүк го?

Кечинде Надырбек жумушунан эрте келди. Толкунбектер менен учурашып, кийимин алмаштырганы башка бөлмөгө киргенде артынан Света кошо кирди.

- Кемегеде жүргөн ким? - деди Надырбек аялына.

- Акырын эми, кызың ээрчитип келиптир, Элмуратты сүйбөйм, ушуну менен бактылуу болом деп…

- Кудай урган кыз болду го?

- Машинаңды алып келип, таштап кетти.

- Көрдүм.

- Көрсөң унчукпа эми, айла канча, дагы эркине койолу, кандай болоор экен арты, - деген Света кетип калды. Надырбек кийимин алмаштырып келип креслого отуруп калды. "Өзүмдөн болбосо да балам деп ою менен өстүрсөм жинди болду, көргөн-уккан эл эмне дейт? Мунусу кандай неме болду экен, тууган-уругу барбы деги? Кандай гана акмак болду бу кыз, окугусу да келбеди, акылы жок болду го", - деп оор күрсүнө жаагын таянып отурганда Света кирди:

- Эмне болду? - Надырбек ага ормойо кулак түрдү.

- Тамак даяр, жүрү коноктордун жанына.

- Алып кире бер, мен тиги менен эшиктен сүйлөшүп кетирип жиберейин.

- Кой, атасы, кызың дагы бирдин ичинен чыкпасын, дурус жигит экен, кызыңды дагы бир жолу кечир, атасы.

- Ушу сенин кең пейилдигиң, айтканын жасай берип, төбөбүзгө чыгарып алдык го?

- Ушунусун кечир, балким чын эле бактылуу болуп кетээр…

- Он жетиге толбой жатып, кайра-кайра күйөө алмаштырганы дуруспу анан? Жаман көндүрүп койдук муну, эл караган жүзүбүздү жер караткан кызыңды үйдөн кууп чыгам! - деп жинденип кирди.

- Атасы, аны кубаласаң мен дагы кетем, ушу деп сени менен жашап келе жатам, эгер бул болбогондо эбак кетмекмин.

- Болду эми, кызым экөөңөрдү кубалап ийип үйдө жалгыз калмак белем, кечирдим Гүлүмдү. Эгер эркек болгондо кайра-кайра катын ала бермек экен ыя, байбиче? - деп жайдарылана түштү Надырбек. - Дүнүйөдө жалгыздыктан корком, - деп, экөө ээрчише конок бөлмөгө киришти. Толкунбек чынында күмөнсүй берет, "Акыры бир күн айтабы?" - дегенсип өзүнчө агасынан тартынып турчу.

- Келгиле, тамакка карагыла, Надыр, куй эми, келин дагы келип калыптыр. - Света эч нерсе болбогондой күлө бага конокторуна карады.

- Кыз-күйөө кирбейби, жеңе? - деди Нурийла.

- Аа-а, азыр келишет. - Света ыңгайсыздана туруп сыртка чыкты. Гүлина Турсунду өз бөлмөсүнө киргизип кеткен. Света сырттан таппай машинанын карады да, кайра кирип бөлмөсүнөн тапты. - Киргиле үйгө, ашыкча сөз болсо түз жооп бергиле, уят кылбагыла, - деп ээрчитип кирди. Турсун өзү узун бойлуу чоң кой көздөрү бакырайган, кирпиктери кыздардыкындай узун, кырдач мурун, ак куба жигит. Чогуу отуруп тамактангандан кийин Надырбек: "Сени менен сүйлөшсөм болот эле", - дегендей Турсунду улам карап коюп жатты.

Күйөө бала болчу неменин шыпылдап конокторду тейлеп, суроого жаңылбай жооп берип жатканы Надырбекке жага түштү. Элмурат түнт бала эле, эшигине келген да эмес. "Көтөрүлгөн энеңдурайын десе, көздүү мончок жерде калмак беле, сенден дурусураак жигит экен, бышмыйып кала бер өзүң", - деп Надырбек сөгүнүп алды ичинен. Турсун Светаны тургузбай улам сыртка чыгып, казандан шорпо куюп келип, бөтөлкөдөгү аракты бөлүп куюп, лепилдей берди. Ал күнү сүйлөшүүгө убактысы болгон жок. Эртеси Толкунбектер кеткенден кийин:

- Кана, эми сүйлөшөлү, Гүлинаны жакшы көрөөрүң чынбы? - деди Надырбек.

- Ооба, абдан сүйөм, мурда эле үйлөнөлү десем болбой койгон, кийин өзү түшүндү окшойт…

- Качантан бери жолугуп жүрөсүңөр?

- Эки ай болду, - деп калп айта салды.

- Кызымдын өтө эрке экенин билесиңби?

- Билем-билем.

- Кадырына жете аласыңбы?

- Жетем, сөз берем, ата! - деп ордунан тура калды.

- Ата-энең барбы?

- Жок, экөө тең өлгөн, карындашым, иним бар.

- Жакын туугандарыңчы?

- Бир тууган тагам бар, туугандар деле бар деңизчи, бирок эч кимге көз карандылыгым жок.

- Азамат, анда тагаңды, жакындарыңды айт, той өткөрүп никеңерди байлайбыз, тиги акмак койнундагы аялын алдырып кала берсин! - деп койду кол шилтей. Турсундун кубанычында чек жок, мындай кадыр-барктуу адамга күйөө бала болуунун өзү эле канчалык сыймык деп ойлоп жатты. Гүлинанын ою деле жок, эч нерсе болбогондой кайрадан Элмуратты ойлонуп: "Эмнеге ал мени сүйбөйт, мен эмнеден кеммин, аны сүйүп калганым эле күнөө болбосо кайсы айыбыма мени карабайт", - деп ызаланып да алды. Бир күнү ал машинасын айдап, Элмураттын жумушуна барды.

- Эмнеге келдиң? - деди Элмурат аны көрүп эле жини келе.

- Элмурат, сен эмнеге мени сүйбөйсүң?

- Сүйбөйм, сүйө да албайм! - Шарт бурулуп кетип баратты жигит.

- Мен сен үчүн, сага өчөшүп дагы күйөөгө тийем, бирок сен менден кутулам деп ойлобо, аял алдырбаймын, жашатпайм дагы! - деп кыйкырган Гүлина машинасына жетти.

- Сен кимсиң менин өмүр жолума бөгөт болчудай, өз жолуң менен жүр, экинчи менин алдымдан чыкчу болбо! - деп муну уккан Элмурат өзүн кармана албай калчылдап кетти.

- Мен сенин аялыңмын, мен күйөөгө тийем, а сен аял ала албайсың, мени чанганың үчүн сенин жашооңду тозокко айлантам! - деген Гүлина машинасын катуу айдап кетип калды.

- Эн-неңди! - деп алды Элмурат. Үч күндөн кийин Надырбек машина жөнөтүп, кызына бергендерин жүктөп алып кетээрде Дарыйка:

- Менин да ак ниетим менен жыйганым кетти, чачылдым-чабылдым, жалгыз аял, жетим баланы чабылтып кете берген өзүңөрдүн кызыңарда күнөө. Мени өлтүрүп, анан жүктөп кет, болбосо сотко берем. Кызыңарды кой-ай дебей жетелеп барганга күйөөгө бере бересиңерби? - деди ачуулуу. - Эки миң доллар кетти, уулум экөөбүздүн ичпей-жебей жыйган-тергенибизди төлөп берип алып кете бергиле!

- Аны шефке айтыңыз.

- Шефиңе өзүң айт, мен жаманымдан чачылып-төгүлгөнүм жок, ак пейилим менен күткөмүн ошолорду, - деп эшигин жаап алды. Кечинде келген уулуна айткан жок. Гүлина дагы муну угуп алып атасына:

- Эмнеге барасыңар, кереги жок, ошол үйдө турган буюмду эми урунбайм, дагы бирөөнү жөнөтсөңөр машинанын алдына өзүм бой таштайм! - деп бакырды.

- Болду, болду, кызым, - деди ойлуу Надырбек. Чынында ал сеп үчүн беш миң доллары кеткен эле. Ага кабыргасы кайышмак эмес, кызын теңине албай жеңил баа кылган Элмуратка жини кайнап турду. "Сенин көзүңдү курутамын шашпа", - деп кыжынып атканда Света жанына отуруп:

- Элмурат жалгыз бала, бирок сен экөөбүздөн баланы жакшы тарбия берип чоңойткон энесинин мээнетин актай турган жигит. Жаш эмеспи, атасы, бирөөгө жамандык кылба, бизде да жалгыз кыз бар, ачууңду бас. Бирок анын айтканында калет жок, ченебей жакшы тосту, чын пейили менен күтүп алды, балдардын андай кылаарын ким билиптир…

- Болуптур, байбиче, сенин сөзүңдү укпай коймок белем? - Көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Надырбек ушул азыр өзүнөн бала болбогонуна сыздап отурду. Эркек болуп жаралып тукумсуз болуунун өзү арман эмей эмне, колдон келээр иш болсо, акча менен баалай турган нерсе болсо гана, атаганат. Пенде буга келгенде алсыз да, аргасыз да келет тура, ичтен түтөп турду. "Менден болбосо да балам жок дебей төрөп алсын деп тим койдум эле, ырас эле өзүмдүн дагы күнөөм бар. Өз оюна койдум, айтканын аткардым, жалгыз кызым болсо каалагандай өссүн дедим", - деп ойлонуп жатты. Анын дагы бир күнөөсү Светага ачык айтпаганы болду. Эки-үч күн катуу ойлонуп койгонго кан басымы көтөрүлүп, түндө ооруп калды. Ошентип Гүлинанын тою болбой калды. Бир жумадан кийин ал алсыз көзүн ачып:

- Света, мени кечир, мен сенден бир сыр жашырып жүрүп өттүм, - деди.

- Койчу, атасы, кандай сыр экен ал? - Света эринин жаздыктарын оңдоп жатып: "Менин башка аялым, балам бар дейт го?" - деп карап калды.

- Эч ким жокпу?

- Ооба, мен элемин.

- Света, мен эми силер менен коштошомун, - деп оор дем алып алды да: - Менден бала болбосун өзүм билчүмүн, Света, ошону сага айтсам ажырашып кетип калабы деп өмүр бою жашырып келдим. Балким сен көп балалуу болот белең, бир гана Гүлина деп жалгыз калбайт элең. - Надырбек дагы бир аз тынып оор дем алып алды. - Эми кыз-күйөөңдү колуңдан чыгарба, Гүлинага көп эле акча бере бербе, - деп папкасын алдырды. - Бул менин банктагы акчам, аны сенин атыңа которуу үчүн баарын даярдап койгомун. Фирманы жетектөөнү Турсунга тапшырайын, чакырчы аларды.

- Эмне болуп жатасың деги, кайраттуу калбаат эле адам элең го? - Света алсыз күйөөсүнүн чекесинен сылап ыйлап ийди. - Мен деле ыраазымын, мен да сенден кечирим сурайм!

- Болду айтпа, Гүлина менен Турсунду чакыр! - деп Надырбек көзүн жумду. Света ичтен сыза кыз-күйөөсүн чакырды. - Келгиле, балдар, менин да силерден бөлүнөөрүмө аз калды. - Турсунду карады. - Сен Гүлина экөөңөр фирманы колго алгыла, өзүм билемдик кылба, ар дайым жаныңда Гүлина болсун, - деди эле, Гүлина отура калып ыйлап кирди:

- Ата-а, эмне деп жатасың?

- Ыйлаба, кызым, жашоо ушундай, төрөлгөн соң өлмөк бар, келген соң кетмек бар… - Онтоп ийди.

- Ата-а!

- Кой, кызым, жокту баштабай тынч бол.

- Уктуңбу, балам, фирманы жетектеп өзүңөр үчүн жашагыла, тоюңарды өткөрө албай калдым, арман ай! - деп алды Надырбек.

- Өзүңдү кыйнай бербечи, атасы.

- Уктум, ата, - деп Турсун бир жагында отурду.

- Тагаларыңды качанкыга чакырдың эле?

- Бүгүн келишмек.

- Анда камыңарды көрө бергиле, жок дегенде кудаларым менен чай ичишкенге жараармын, - деп жылмайган болду. Света күйөөсүнүн жанында болду, Гүлина менен Турсун базарга кетишти. Кечке маал Турсундун бир тууган тагасы аялы менен иниси Жүрсүндү алып, мындайыраак тууганы Бекболу аялы менен келип калышты. Тойго деп бир жылкыны машинага жүктөп, элүү миң сомду ала келген тагасы Шерикбай жана башкалар кудасынын ооруп калганын угуп, кейип калышты. Бекболу Надырбекти билет экен. Союз учурунда өкмөт жиберген жакка барчу эмес беле, Надырбек райком комсомолунун биринчи секретары болуп барганын айтып сүйлөшүп отурушту.

Турсунбек, Жүрсүнбек деп, ата-энеси балдары токтобой жүрүп койгон экен, баарын айтып келишти, карындашы Сажирага Гүлина жаккан жок. Жакшылап коноктоп, эки-үч күн аерде болуп, анан жолго чыкканда Турсундун телефону чырылдап калды. Надырбекти ооруканага алып кетишкен. Света Турсунду кара жолтой болду деп ичинен жаман көрүп калды, бирок туугандары келгенче андан башка жүгүрөөр эч кимиси болбогондуктан, телефон чалган. Гүлина жанында болчу. Бекболулар жаман абалда калышты, тойго келебиз деп мындай болоорун кайдан билиптир. Акыры кудасын койгуча күтмөк болуп калышты. Гүлина боздоп ыйлап жатты. Тууган-уругу келип, кадыр-барк менен жерге беришти.

Турсундун тагдыры ойлогон оюнан да ашып түшүп, эки тизгин, бир чылбыр колуна тийди. Заңгыраган үйдө жашайт, чоң килейген фирма колунда. Алдында машинасы бар. Инисин жанына алып, окутуп койду. Акырындык менен бир жерден орун алып, эч кимге билгизбей үй салдырууга киришти. Гүлина эчтеке менен иши жок, фирмага барууну ойлоп койбойт, күндө салонго барып жасанып-түзөнүп, кечинде күйөөсүнө эркелегенди гана билет.

- Кызым, - деди бир күнү Света, - күйөөңдүн ишине бир карап койсоң болот эле, эмне кылып жатат?

- Ой, апа, мен Турсунга ишенем.

- Ишенгениң го дурус, бирок көз салбасаң болбойт.

- Койчу, апа, эмнесине көз салам, баары ойдогудай, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Миллиондогон сумманын тегерегинде продукция чыгарчу фирма акырындап банкротко учурап баратты. Эки жылдын ичинде Турсун үйүн салып бүтүп, башка аял алмак болду. Анын шылтоосу Гүлинанын боюна болбогону болду. Бирок эч кимге билгизбей бир кыз менен тымызын сүйлөшүп жүрдү. Ошол күнү ал кызды үйүнө жеткирип коюп, кеч келди.

- Жа-аным, эмнеге кечиктиң? - деп Гүлина мойнуна асылды.

- Иш көп, жаным, иш көп, атам фирманын иши артка кеткенин байкап, сары санаадан кан басымы көтөрүлүп кеткен тура.

- Эмне, артка кетип жатабы?

- Банкрот болуу алдында турабыз, көп иштеш керек, - деп колуктусун кучактап өөп, - Бир аз чыдасаң кайра ордуна алып келем, ошонун айынан күндөп-түндөп иштеп жатам, - деди сыр билгизбей.

- Менин жардамым керек эмеспи?

- Жо-ок, өзүм жетишем, - деп кайненеси даярдаган чайдан ичип, курсакты тойгузгандан кийин өз бөлмөлөрүнө келишти. - Жаным, качанкыга апам эле тамак жасап берип турат бизге, сен жасабайсыңбы?

- Мен жасай албайм.

- Үйрөнүшүң керек, кокус өзүбүзчө жашасак кантесиң?

- Үй кызматчы алабыз.

- Кандайча, толгон бүлөбүз болбосо, экөөбүз үчүн бир кызматчы жалдап кереги эмне?

- Өзүм үчүн жалдайм, атам мени эч качан казан кармабайсың деген, мен эч качан тамак жасабайм.

- Макул-макул, жаным, качан балалуу болобуз?

- Мен жыйырмага эми чыгам, эми эле балалуу болуунун эмне кереги бар, эмитен бала багып…

- Мейли, жаным, жапжаш, супсулуу болуп жүрө бер, балалуу болууга жетишебиз, - деп кучакташа спальныйга жата кетишти. Гүлина ага эркелөө менен гана алек. Света күйөө баласынан күмөнсүп, бир күнү фирмага барсамбы деп ойлоду, бирок уялды. "Турсун эмне дейт, кокус көрүп калса эмнеге келдиңиз десе эмне дейм, балким жакшы эле болуп жаткандыр", - деп кала берди. Ал күнү кечинде:

- Балам, иштериң кандай? - деди акырын.

- Жакшы, апа.

- Эсеп-чотун берсең боло, эки жылдан бери бир дагы жолу эсеп бербедиң, кайда кетип жатат, банкка да акча салына элек.

- Эртең эсептешейин, апа, бир аз кетенчиктеп кеткен экен, эми буйруса жакшы, - деп Турсун тайсалдай түшкөндө Света баарын түшүндү.

Көздөрүнөн бир шойкомду сезип:

- Турсун, эртең фирманын жетекчилигин Гүлинага өткөрүп бер. Мен өзүм баш-көз болбосом болчудай эмес, - деди акырын.

- Апа, негизи эле фирма банкрот болуп калган экен, мен бир аз жылдырып койдум, бул бойдон сиз жүргүзө аласызбы?

- Мен баарын билем, балам, фирма банкрот болгон эмес, атаң мага канча акча айланаарын айткан, ай сайын банкка акча салчубуз. Сен жакшы жөндөй албай жаткандырсың?

- Жо-ок, апа, баары жайында, - деп Турсун кызарып-татарып кетти.

Гүлина:

- Апа, эмне эле болуп жатасыз, Турсун эле иштей берсин, - деп чоюлуп туруп кетти.

- Ай кызым ай, сенин айыңдан атаң өлдү, эми мени өлтүрүп алсаң талаада калаар бекенсиң?

- Апа, кантип эле мен Гүлүнү таштап койойун?

- Андай дегеним жок, байкабаган уу ичет болбосун дейм да, балам, фирманын иши жакшы болсо өзүңөр үчүн.

- Макул, апа, эртең Гүлинага өткөрүп берем, сиз барбай эле коюңуз, экөөлөп иштейли анда, жүрү десем эле өзү барбайт, - деген Турсун ордунан туруп, сыртка чыгып туталанып жатты. "Келесоо кызы фирманын ишин билип коймок беле? Шашпагыла, мен эми силерди так сызга отургузам", - деп чылым чегип, көпкө басып жүрдү. Анын жоголуп кеткенинен улам Гүлина эшикке чыкты.

- Турсун, кайда жүрөсүң?

- Эмне болду?

- Кирбейсиңби?

- Азыр, - деп чылымдын бөчөгүн ары ыргытып, үйгө кирип, аялынын жанына отурган соң: - Апам мага ишенбей жүрөт окшойт, - деди үнү кекээрлүү.

- Эмнеге, жөн эле айтып жатат, койчу ээ аны, өзүм сага ишенип баарын берип жатам го? - деп асыла кетти. - Жатчы, апам айта берет.

- Азыр, жаным, мен чарчадым, нерв чарчап калат экен.

- Турсун, кел фирманы башка бирөөгө өткөрүп берип, эсептешип эле турабыз?

- Эмнеге? - Турсун чочуп кетти, кызыл-жашыл акчалардын башка бирөөнүн колуна түшүп жатканын элестеткиси да келбеди. - Жаным, аны өткөрүп берип коюп экөөбүз эмне кылабыз?

- Эс алабыз, Америкага, Европага саякат куруп, көңүл ачабыз. Убактылуу өткөрө турсак эмне болмок эле? - деп мойнунан кучактап алып, өпкүлөдү Гүлина.

- Шашпа, жаным, келерки жылы барабыз.

- Ырас элеби?

- Ооба, менин дагы эс алгым келип жүрөт.

- Макул, бир жылга чейин фирма оңолуп кетет да.

- Ооба, ойдогудай бутка туруп калабыз.

- Мага акча керек, жаным.

- Канча?

- Он миң.

- Аны эмне кыласың?

- Пальто алам.

- Ошончого албай койо тур, кийимиң көп эле го?

- Модадан калып калды.

- Быйылча кийип тур, эмдиги жылы отуз беш миңдик пальто алып берем.

- Жо-ок, мен аларды кийбейм, чоң аялдар кийишет аны.

- Модага ылайыгы деле бар экен, мен жыйырма жети миңдик пальто көрдүм, дал сенин размериң.

- Чын элеби?

- Калп айтып эмне кылам, кой жаталы, - деп жатып калышты. Света улам-улам күйөө баласынын тайсалдаган көз карашынан шекший: "Бул соо эмес, сызга отургузуп кетпегей эле. Гүлинанын болсо эчтеке менен иши жок, фирма жоюлуп кетсе кызымдын келечеги кандай болот? Кой өзүм киришпесем болбойт экен, бул оңой бала эмес, шордуу кызым кайдан да кабылды буга?" - деп санааркап жатып, кеч уктады. Эртеси негедир Турсун эчтеке ичпей таң заардан туруп кетип калыптыр. Ал жанталашып бир имаратты ижарага алып, өзүнчө фирма ачууга ниеттене документтерин даярдап жүгүрүп жүрдү. Күмөн санап калбасын үчүн эки миң долларды кайненесине кечинде алып келип берди.

- Балам, күнүнө миллион айланчу фирмадан эки миң доллар эле алып калдыкпы?

- Апа, фирма банкротко учураган кезде Турсун оңдоп баратат, эмнеге эле мынча такып калдың? - деп Гүлина апасына нааразы боло карады.

- Жо-ок, кызым, эч кандай банкротко учураган эмес, жаңыласыңар, кызым. Бул бойдон калтырганда болбойт, эртеңден баштап баарын өз колума алам, - деп Света туруп кетти.

Турсун бул жолу эчтеке дей албады. Ичинен: "Колуңдан эмне келээр экен, кызың экөөңөргө көрсөтпөсөм элеби", - деп кекенип алып, зыңгырай отуруп калды. Эртеси Света фирмага келип, бухгалтер менен сүйлөшүп, жылдык, айлык кирешелерди эсептешкенде баарын Турсун алып жатканы белгилүү болду. Ичтен тынган Света бухгалтерге: "Келгеним жөнүндө Турсунга айтпа", - деп коюп жөнөп кетти. Ал келсе Гүлина уктап жатыптыр, Турсун эбак кеткен. Ал фирмага келип, керектүү жабдыктарды жүктөмөк болуп жатканда бухгалтер келип:

- Буларды кайда алып барасың? - деп сурады.

- Фирманын филиалын ачып жатам, кеңейтүү керек.

- Андай кылууга болбойт, Надырбек аганын аялы келип көрсүн, ошого кеңеш, - деп такыр жүктөтпөй койду. Турсун кабинетинде кыжаалат болуп отурганда Гүлина менен Света кирди. Света кызын урушуп жатып ээрчитип келген. Кайненесин көрүп Турсун ордунан тура калды.

- Кана, балам, эки жылдан берки акчалар кайда кетти, ишенип койсо бул кылганың жакшыбы?

- Апа…

- Жок, жүрү бухгалтерге барып, баарын эсептешебиз, - деди эле, Турсун:

- Азыр, бара бериңиз, кагаздарымды тактап алайын, - деп тартмасын аңтарымыш болуп кала берди. Сыртка чыккан Света:

- Көрдүңбү, кызым, бул сени эмес, сенин байлыгыңды сүйүп келген экен, дагы бир аз оюна койсок фирманы жок кылып туруп, изин суутмак, - деди.

- Ии-ий, апа, мелочная болуп кетесиз да, кайда алпармак эле?

- Шашпагын, кайда алып барганын билебиз, - деди да, Света бухгалтерге кирип, анын айтканын угуп ого бетер таңгалды. Канча күтсө дагы Турсун келбегенинен кайра кабинетке келишип, бек экенин көргөндө эстери ооп калды.

- Мына коркутуп кууп ийдиңизби? - деп Гүлина апасына тултуңдап жатты. Бул кезде Турсун: "Болоору болду, эми изимди жашырып кетейин", - деп үйгө келип, кайненесинин бөлмөсүн тинтип, эки кабат үйдүн ичин бүт оодарып, акча издеп кечээги эки миң долларды табаары менен чыгып кетти…

Элмурат Гүлина кеткенден кийин көп ойлонуп, үйлөнүүгө ыктады. Бирок көңүлүнө жаккан кыз жок, иштеп жүрө берди. Дарыйка тапкан-ташыганын катып, келин алганга камданып жатты. Билинбей эле эки жылдын жүзү болуп кетти, бир күнү жумушта жүрүп, Надырбектин дүйнө салганын укту. Гүлинага боору ооруду. Анан телефон чалып, көңүл айтып койсомбу деди, дал ошол учурда Турсун үйдү тоноп кеткен болчу.

- Алло, - деди Света трубканы ала коюп, - бул ким экен?

- Алло, саламатсызбы, апа, атамдын өлгөнүн кеч угуп көңүл айтып, ал-абалыңызды билейин дедим эле, - деген Элмураттын үнүн тааный койду.

- Рахмат, балам, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы, апа, жаман болуптур, али жаш эле да.

- Жазмыш, балам, ошондой болуп кетти.

- Калган өмүр жашын сиздерге берсин дегенден башка сөзүм жок, апа, белиңизди бек бууңуз, жакшы жүрүңүз, - деп трубканы коюп койгондо Света Гүлинага карады.

- Кайдагы аферистке жолугуп, жакшынакай күйөөдөн кол жууп калдың. Дүнүйөгө азгырылган эмес эле, өз эмгеги, мээнети менен жашаганды сүйгөн адам башкага жамандык кылбайт. Турсун сенин өзүңдү эмес, биздин байлыгыбызды сүйгөн тура, эми фирмага жолобой турган кылыш керек, алтурсун издөөгө берип карматып, абийирин төгөбүз анын.

- Апа-а, койчу, кудай жалгагыр.

- Дагы эмне кылайын ыя, бир сен деп жашап келди атаң дагы, эми жашоо кайда баратканын билбейсиң сен, бул кебетең менен менин көзүм өтүп кетсе ара жолдо гана каласың.

- Мейли, мага эчтекенин кереги жок.

- Анда Турсунду таап ал, кийин сенин бүт баарыңды өзүнө өткөрүп алат да, сени таштандыдай ыргытып салат! - Эне-бала көпкө талашып-тартышып, бир урушуп, кайра табышып, анан отуруп калышты.

Элмурат өзүн жеңил сезе түштү. "Бир күн даам таткан жериңе миң күн салам айт дегендей көңүл айтып дурус кылдым", - деп ойлоно жумушунан чыгып келе жатып, Алмашка жолугуп калды. Үйүнө көңүлдүү келген уулун көргөн Дарыйка:

- Уулум, жакшы кабарың бар дейм? - деп жылмая карады.

- Жок, апа, кайната өтүп кеткен тура, телефон чалып көңүл айттым.

- Рахматы болсун бечара, жаткан жери жайлуу болсун.

- Угуп алып жаман болдум, анан үйүнө чалдым.

- Туура кылыпсың, балам, жүзүң кубанычтуу көрүнгөнүнөн жакшы кабарың барбы деп ойлодум эле.

- Апа, бир кыз менен тааныштым, мага жакты, сага жагабы же жакпайбы билбейм, - деп Элмурат апасын күлмүңдөй карады.

- Ошондойбу деп ойлогомун, балам, мага эмне өзүңө эле жакса болду, алып келе бер, - деди эне уулун шаштыргандай.

- Дагы байкап көрөйүн, жакында туулган күнүм болот эмеспи, ошондо иштешкендеримди чакырам, ал кызды ошондо көрөсүң ээ, апа?

- Макул, садагам, сенин бактылуу болгонуңду көрсөм болду. Мен эмне картайдым, канча өмүрүм калды кудай билет, өлсөм да көөнүм тынып, бактыңды көрүп кетсем экен.

- Өлөм дебечи, апа, атамдын эрте өлгөнү деле жетет, неберелериңди көрүп, келиниңдин чайын ич, апа, сыйымды көрсөң андан көрө.

- Кудай көргөзсө көрөөрмүн, балам, алганың ыймандуу, ырыс-кешиктүү болсо эле болду.

- Буйруса жакшы эле кыздай көрүндү, мага жакты, апа, - деп Элмурат кудуңдап отурду. Эне-бала кечки тамагын ичип, жатып калышты. Эртеси телефон чалып, Алмашты жумушуна алып келмек болду. Алмаш кечикпей эле макулдашкан жерге келип калды.

- Алмаш кандайсың? - Элмурат күлмүңдөй тосуп алды.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Баары жакшы, кеттикпи?

- Кеттик, - деп Алмаш дагы жылмайды. Экөө фирмага келгенде Алмашты директоруна алып кирди. Жумушчулар керек болуп жаткан, дароо эле кирип, адегенде бир сыйра көрүп, үйрөнүп алып, иштей баштады. Алмашка жеңил жумуш жагып калды. Бир жумада бир акы төлөй турган болушту. Ошентип Алмаш жумуш да таап, өзүнө түбөлүк жарды да тапканын сезген, бирок…

Экөө күндө жумуштан бирге чыгышат. Элмурат ага балмуздак алып берет, тамашалап анекдот айтып көпкө жүрүп, анан бөлүнүшөт. Арадан бир жума өткөндө акысын алып:

- Сизге жакшы сыйлык кылайын, - деп күлө карады Алмаш.

- Жок-жок, мен сага сыйлык кылышым керек, сен бул жерде туруп тур, - деген Элмурат базарга кирип кетип эле гүл көтөрүп келип калды. - Бул менин алгачкы маянаңды куттуктаганым болсун! - деп гүлүн кызга сунду.

- Рахмат. - Кыз гүлдү кумарлана жыттап күлүп койду.

- Алмаш, жүрү концертке барабыз.

- Эжем кечиксем урушат.

- Телефон чалып айтып койолу.

- Эмне деп?

- Иштешкен кыздар менен оюн көрөбүз деп.

- Жооп бербейт чыгаар, эртең суранып келейин, - деди тартына ыйбаа кылып жигиттен уялгандай.

- Макул анда, эртеңге чейин, жакшы түш көр.

- Макул.

- Жакшы бар.

- Жакшы барыңыз. - Экөө эки бөлүнүп жөнөштү.

- Уулум, кыз кандай? - деди апасы уулу кирээри менен.

- Буйруса, ыймандуу келиндүү болосуң, апа.

- Болсун, балам, тилегиңди берсин, кагылайын, ата-энесин сурадыңбы?

- Жок, сурабадым, эжеси бар экен шаарда.

- Тактап сура, ата-энесин, кайдан экенин бил.

- Макул. - Элмурат апасын ойлуу карап, - Кайдан экени, ата-энесинин кандай тиешеси бар, апа, келиниң жакшы чыкса болду да? - деди.

- Аа-а, балам, энесин көрүп кызын ал деген, эми энесин көрө албасак дагы өзүбүзгө ылайыктуу болсо болду.

- Көрөсүң, апа, Алмаш абдан назик кыз, сага жакшы келин болуп берет, - деп Элмурат апасын кучактап эркелей көпкө сүйлөштү. Келчү келинге көйнөк-жоолукту дайындап, кийит-кечени эртелетип камдай берели деп кеңешип жатышты. Алар кеч уктаганга эртең менен кеч ойгонушту. Анан дагы эшик тыкылдаганынан өйдө болгон Дарыйка каалганы ача берип маңдайында турган Гүлинаны көрүп чочуп кетти:

- Кел-кел…

- Кандайсыз, апа, ден-соолугуңуз дуруспу?

- Жакшы, айланайын, кайдан жүрөсүң таң атпай?

- Апа, Элмурат барбы?

- Бар-бар.

- Чакырып койосузбу?

- Ийи, мейли, - деп Дарыйка үйгө кирип, Элмуратты ойготту. - Тур, балам, Гүлина келиптир, турчу, - деди акырын. Баласынын аны жактырбасын билип турса да, аргасыз айтты. Элмурат:

- Ал эмнеге келиптир? - деп уйкулуу көзүн ушалай кийимин кийип, сыртка чыкты.

- Элмурат, кандайсың? - Гүлина жылмая сурады.

- Жакшы, а сага менден эмне керек?

- Элмурат, мени кечир, - Гүлина жер карап үлдүрөдү.

- Кечиргенде, кечирбегенде баары бир эмеспи, экөөбүздүн жолубуз эчак эки бөлүнгөн, менин убактым жок, - деп артына кайрыла бергенде Гүлина аны жеңинен кармап калды.

- Мени кечир, Элмурат, жок дебе, кайра жарашалы, жашайлы бирге, мен жаңылдым…

- Сен өзү соосуңбу? - Элмурат аны эми көргөндөй таң калып да, жини келип да карады. - Түш көрүп жаткан жоксуңбу, оорукчан эмессиңби деги, мени жайыма кой дебедим беле?

- Элмурат, мен сени баары бир сүйөм, кетпейм эч жакка! - деп босогону аттап кирип келатканда Элмурат аны карыдан ала жетелеп короодон чыгарды.

- Экинчи ушул жерге келет экенсиң таарынба, мен сени тааныбайм дагы! - деп короосун бекитип кирип кетти.

- Элмурат, өкүнүп каласың, мен сени сүйөм!

- Сен эркектин баарын сүйө бересиң, жогол көзүмө көрүнбөй!

- Элмура-ат! - деп Гүлина көпкө ыйлап туруп, анан унаасына отуруп, үйүн көздөй кетти. Үйүнө атып кирди да, бакырып ыйлап буюмдарынын баарын чачып, идиш-аякты сындырып жатканда Света келип калды. Дароо эле телефон чалып, врач чакырды, кызынын өң-алеттен кетип, чачтары саксайып, кара терге түшө өзүнүн кийимдерин өзү тытып жатканын көрүп коркуп кетти.

- Гүлү, кызым, сага эмне болду, эсиңе келчи, садага? - деп кучактап калаарда Гүлина аны түртүп ийди:

- Менби, мен жиндимин билдиңби, эркексиз жашай албайм, мени баары таштап кетти, мен өлүшүм гана керек! - деп өкүрүп-бакырганын Света уккан жок.

Ал кызы түртүп ийгенде башы менен дубалга тийип, эс-учун билбей жатып калган. Аңгыча тез жардам келип, экөөнү тең алып кетти. Көптө барып эсине келген Света:

- Айланайындар, мен кайдамын? - деп башын көтөрдү.

- Сиз ооруканадасыз, эже, катуу жыгылып, башыңыз дубалга тийгенде өзүңүздү билбей калыпсыз. - Света ошондо эмне болгонун эстей калып, Гүлинаны сурады.

- Кызым кайда, айланайын, кызым да келдиби?

- Ооба, кызыңызды тынчтандырдык.

- Өзүм көрөйүнчү, кызым, мени алып барчы, - деп обдулганда медайым аны тургузбай койду.

- Сиз тынч жатышыңыз керек, кызыңыз жакшы эле, башыңыздан катуу запкы жепсиз, эже, турганга болбойт.

- Жо-ок, кызым, мен өлбөйм, кызым жаш, жыйырмага эми гана толду, ага эмне болгонун билбей калдым, - деп безилдегенинен аны акырын Гүлинанын палатасына ээрчитип барды. Укол куюп койгонго эч нерсе билбей жаткан кызынын колунан кармап, чекесин сылай солкулдап ыйлап жатты Света: "Курган жаным, күнөөм ушул кызыма тийип жатабы, никелүү эрим турса башканы төшөгүмө алып жатканымдын кесириби? Оо, жараткан, өз күнөөмдүн азабын өзүм эле тартайын, кечире көр, кудайым". Медайым болбой аны кайра палатасына алып кирди:

- Сизге көп кейигенге болбойт, тынч жатыңыз, кызыңызды эртең текшерүүдөн өткөрөбүз, анализдерин толук алабыз, оорусу аныкталса башка ооруканага которулушу мүмкүн, - деди ал. - Ал эми ден-соолугу таза болсо үйүңүзгө чыгарабыз, - деп жылмайып койду.

- Ооба, таза болсо чыгарбай анан, - деген Света үйүн эми эстеди. "Баары ачык-чачык калды, кой үйүмө кетейин", - деп ойлоп кайра турду. - Кызым, менин үйүм ачык калды, барбасам болбойт.

- Жо-ок, эже, мен сизди койо бере албайм, жата туруңуз, врачка айтайын, - деп палатадан чыгып кетти медайым. Бир аздан кийин орто жаштагы улгайган адам кирди.

- Өзүңүздү кандай сезип калдыңыз? - деди күлүмсүрөй.

- Жакшы элемин.

- Дагы бир аз сакайганча тынч жатышыңыз керек.

- Үйүмдө кызым экөөбүздөн башка эч ким жок эле, ачык калды го, жакшы болуп калдым, бара берсем кантет?

- А кокус өлүп калсаңыз кабар алганга аяктан дагы суранып келе алат белеңиз? - деди Ысман Алыбаевич жай гана. - Адамдар бир ууч өмүрдү барктай албайбыз, өмүрүңүз кылдын учунда турат, катуу жыгылгансыз, дагы жакшы тез жардам жетишип калган.

- Тирүү болгон соң эртеңкини ойлойт экенбиз да…

- Үйүңүздүн дарегин бериңиз, балдарды жөнөтүп, кабар алып койойун.

- Макул. - Света дарегин айтып берди.

- Байлардын айылындасызбы?

- Ошондой деп коюшат го…

- Болуптур, кам санабаңыз, тынчтанып эс алыңыз, эртең анализдериңизди текшерип, анан андан ары эмне кылышты чечебиз.

- Мейли, - деп унчукпай калды Света. "Ырас айтат, өлүп калганымда кызым менен да, үйүм менен да ишим жок суналып жатмакмын, кудайга шүгүр, кызым үчүн кам көргөнгө жардам бере гөр, жараткан", - деп ойго батып калганда врач чыгып кетти. Кечке маал Ысман Алыбаевич кайра кирди:

- Кам санабаңыз, үйүңүздү кулпулап келишти.

- Рахмат, иним.

- Эчтеке эмес, ден-соолугуңузга караңыз, - деди да, чыгып баратып, - Кызыңыздын абалы да жакшы, - деп койду.

- Рахмат, колуңар дарт көрбөсүн, - Света кызын ойлонуп отуруп, бала кезде дагы бир жолу ушинтип казан-аяк талкалап, кийимдерин тыткылаганы эсине түштү. Анда Надырбек эркелетип жатып зорго эс алдырган эле: "Эмне бир оорусу барбы, неге минтет, кантип эле? Турсундун тигинтип кетиши катуу тийсе керек", - деп ойлонуп жай ала жатып, уйкуга кирди. Ата-энеси өлгөн, иниси менен сиңдиси, бир агасы бар эле. "Аларга телефон чалып коюшум керек", - деп да ойлогон жанараак. Уктап-уктай электе түш көрдү. Түшүндө Гүлина бир караңгы тамда камалып калат имиш, эшигин ачайын деп ачалбай убараланып жатты. Кызы болсо колдорун тарбаңдатып: "Апа, мени чыгарып алчы", - деп жалдырайт. Бир да жеринен эшик-тешик таппай, көрүнгөн жерине барса туюк болуп калат. Бир кезде ал Гүлинанын колдору көрүнгөн жерге жетип, ошол жерден сууруп алууга тырышты. Гүлина өзүн ары карай тартып кете жаздаганда Надырбек пайда болду. "Кызым оорукчан болуп калды, сен эми өзүңө кара, Света, ага жакындаба, тагдыры ошондой", - деп аны жолго салып коюп, өзү ары кетти. Ойгонуп кетсе жүрөгү лакылдап калыптыр. "Оо кудай, бул эмне деген шумдугуң, кызым жакшы болуп кетсе экен", - деп ойлонуп ордунан туруп, Гүлина жаткан палатага келип, акырын шыкааласа уктап жатыптыр. Жанына келип бир аз карап туруп, кайра өз палатасына келди. Төшөгүнүн үстүнө жатып, уктап кетти. Таң атып калган экен. Бир маалда ачуу кыйкырыктан улам ойгонуп, Гүлинанын үнүн тааный коюп жүгүрүп чыкты.

- Жолобогула мага, жоголгула дейм! - деп Гүлина бакырып жатыптыр. Света кирип келип:

- Кызым, сага эмне болду? Кызым, эсиңе келчи, - деп кучактамак болгондо врач аны кармап калды.

- Көрүп турбайсызбы, ал азыр сизди тааныбайт, - деди.

- Каралдым, неге мени тааныбайт, жакшынакай эле жүрбөдү беле? - деп Света ыйлап жатканда медайым аны колтуктай палатадан алып чыкты.

- Сиз менен врач сүйлөшөм дейт.

- Эмнени? - Светанын мээсине эч нерсе кирбей элейе карады.

- Көрөсүз да. - Аңгыча врачтын кабинетине кирип келишти.

- Оорулуу кантти? - деп сурады Ысман Алыбаевич.

- Тынчтандыруучу укол сайдык, эми эс алат го.

- Жакшылап карагыла.

- Жарайт, - деп медайым чыгып кеткенден кийин Ысман Алыбаевич Светага карады.

- Кызыңыз мурда ооруган жок беле?

- Жо-ок, ооруган эмес.

- Жакшылап эстеңизчи, мунун оорусу башынан башталган, көп болгон, балким байкаган эмес чыгаарсыз?

- Жок-жок, өзү абдан эрке, эчтекени жактырбайт, көңүлүнө жакпаса өкүрүп-бакырып ыйлап, жер тепкилегени бар эле, минтип ооруган эмес.

- Ошондо оору башталган, алдын ала дарылатсаңар болмок, байкабай калгансыңар. Акырындык менен бир нерсеге капаланганда нервине катуу тийип, оору күчөгөн.

- Андай болушу мүмкүн эмес, оорулуу эмес кызым! - Света ордунан тура калып, кабинеттен кандай чыкканын билбей калды. Ылдамдай басып Гүлина жаткан палатага кирип барды. - Кызымды койо бергиле, алып кетем! - деп сайылган ийнелерди колунан жулуп алып, Гүлинаны жулкулдатты. - Кызым, тура гой, үйгө кетеличи, кетели, кызым! - деп жатканда медиктер келип аны болбой палатасына алып барып, укол салып жаткырып коюшту. Ал тынч алып жатып калганда агасы Темирлан менен сиңдиси Гүлназ келип, врачтын айтканын угуп, шалдырай отуруп калышты.

- Эжеңер сакайып кетет, бир аз өзүнө келгенде түшүнөт, кызы айыкпас оору менен ооруп калган.

- Дарыласа болбойбу?

- Кеч болуп калган, аз-аз эсине келип, кайра кармай берет.

- Эжем эсине келеби анан?

- Андан коркпогула, анда оору жок, кызынан улам өзүн кармай албай калды.

- Жакшылап караңыздар, кандай болсо да мен төлөйм чыгымды, - деди иниси.

- Биз оорулууларды сакайып кетсе дейбиз, - деди врач аларга алакан жая. - Адамдар өздөрү маани бербей жүрүп, кеселди өтүштүрүп ийишет.

Темирлан Светадан эки жаш улуу. Андан кийин палатага кирип, Светанын жанында отурушканда ал көзүн ачты да, аларды көрүп:

- Келдиңерби? - деди өйдө боло.

- Денсоолугуң жакшыбы? Бизге телефон чалып койбойт белең?

- Ойлоп эле аттым, бирок үлгүрбөдүм. - Света азга тунжурай түшүп, бышактап ыйлап кирди. - Гүлина катуу оору дейт, кандай кылып дарылатам, өмүр бою ушинтип калса кантем, жаңы гана жыйырмага келди эле го?

- Кайгырба, эже, сакайып кетээр. - Гүлназ эжесинин көз жашын аарчый кошо жашыды. - Жакшы болуп кетет, балким ооруканадан чыгарып, молдого көрсөтөөрбүз.

- Ырас айтасың, биерден алып кетиш керек, ойгонуп кыйкырса эле тынчтандырчу уколун сайып уктатып койот экен, анте берсе бат эле өлүп калат ал.

- Анда врачка сүйлөшөлү, - деди Темирлан.

- Ошент, сүйлөшүп үйгө алып кетели, сен үйдү жыйнабасаң болбойт, барганда көрөсүң го, - деди Гүлназга карап.

- Мейли, мен барайын, - деп Гүлназ палатадан чыкты.

Врач Гүлинаны алып кетели дегенине ынабай жооп бербей койду. Ошондон эки-үч күн өткөндө Светаны чыгарды. Гүлинаны жин-кеселдер ооруканасына которуп ийишти. Света ботодой боздоп жатты, анын жанында Гүлназ бар. Ошол убакта фирмасынан кабар ала албай калып, Турсун келип, бир топ товарын алып кеткенин билди. Анткени иш кагаздары анын атына жазылган бойдон калган. Света жүгүрүп жүрүп, баарын инисине өткөрүп берип, ишканадагылардын баарына тааныштырды, анан эсептешип алган акчасын банкка салды. Гүлинага Гүлназ экөө барып кайра келди, анын колу-бутун байлап коюшкан экен. Эч кимди тааныбайт. Зыркырап боздогондон башка колунан эчтеме келбеген Света канча түндү уйкусуз өткөрүп, акыры бара-бара көнө баштады. Эки-үч курдай үйүнө телефон чалган Ысман Алыбаевич бир күнү келип калды. Таңгалган Света сыпайы гана учурашып, ичке киргизди. Ысмандын аялы эки жыл мурун өлүп, азыр бойдок эле, өзү Светалар курдуу, элүү бирде.

- Кандай жатасыз, Света айым? - деди күлүңдөй карап.

- Кудайга шүгүр, өзүңөр жакшысыңарбы?

- Дурус, айтпай-дебей келип калганыма капа болбоңуз.

- Эмнеге капа болом, келгениңиз жакшы, отуруңуз.

- Рахмат, бүгүн бошмун, сиздин ал-абалыңызды көрөйүнчү деп атайын келдим.

- Келгениңиз жакшы.

- Кызга бардыңызбы?

- Бардым, жылыш жок.

- Ошондой болоорун билгемин, катуу өтүшүп кеткен.

- Айла канча, тирүү жан эптеп күн өткөрө берет экен, жалгыз кубанычым эле, көзүмдүн карегиндей жалгызымдын минтип ооруп калаарын кайдан билдим? - Света буркурап ийди.

- Сабыр кылыңыз, канынан жин оору менен ооруган адамдын ийнеси менен сайып койгон, байкабастыктан болгон го?

- Кандайча? - Светанын көздөрү чакчайып кетти. - Ал эч бир ооруган эмес эле…

- Мүмкүн эмес, оорубаса кайдан…

- Мен дагы билбей турам, бир да жолу ооруканага барган эмес. - Света кайра ойлоно калып, - Баса, эки жылдан ашты, авария болгондо жаткан эле, - деп жиберди.

- Эки жыл мурунку болсо мындай болмок эмес, андан дагы мурда болгон. Жаңылышпасам он эки-он үч жашында болгон, ошол кезди эстеңизчи, бир өзгөрүү байкадыңыз беле?

- Эсимде жок. - Света мелтиреп көпкө отурду. - Туура айтасыз, дал ошондой курагында дагы үй ичин талкалап, чачып атасы эптеп кармап отуруп, эс алдырган, андан кийин кайталанган эмес.

- Ошондо дароо ооруканага алып барыш керек болчу. Силер андан кийин аны такыр капаланткан эмессиңер, каалаганы аткарылган кыз ооруну жеңип келген. Бир болоор-болбоско бакырып-кыйкырчу беле?

- Ооба, биз анысын этибар алчу эмеспиз, эркелиги деп ойлочубуз.

- Мына, ошондон жаңылыштык кетиргенсиңер.

- Кайдан билдик мындай болоорун. - Мелтиреп отуруп өткөндү эстеп жатты Света.

- Кой, Света, мен кайтайын, сени капалантып алдым окшойт.

- Кечиргиле, чай ичип кетесиңер да, ансыз да жалгызмын, - деп муңайды Света. Экөө бир топко үнсүз чай ичип отурушту.

- Рахмат чайыңа, - деп койду Ысман.

- Эч нерсе эмес…

Алмаштын ата-энеси орто чарба кишилер, жети балалуу. Беш уул-кызы үй-жай күтүп өз-өзүнчө кеткен. Алмаш менен эки уулу колунда. Алмаш мектепти бүткөндөн кийин бир жылдай үйүндө жүрүп, анан шаарга келген. Эжеси бир балалуу, күйөөсү экөө батирде турушат. Алмаштын жумуш таап иштеп калганына алар абдан кубанды. Бир жумада алган эки миң сомуна өзүнө кийим алып берип койду. Элмурат күндө аны үйүнө жеткирип, анан өзү үйүнө кетет. Алмашка жигит жагып калгандай болду. Бир күнү ал жолдон эле гүл саткан павильонго кайрылып, бажырайган бир кучак астра гүлүн көтөрүп чыкты.

- Алмаш, гүлүмдү кабыл аласыңбы? - деп күлө караганда кыз:

- Оо-ой, эмнеге? - деп таңыркай карап калды.

- Жөн эле гүл бергим келди.

- Чынбы, гүл тартуулаганды жакшы көрөсүзбү?

- Өзүм жактырган адамга гана.

- Муну эжем сураса ким берди дейм?

- Бир жигит берди деп айт.

- Анда өлтүрбөйбү?

- Мм.., анда эмне деш керек? - Элмурат ойлонуп туруп, - Келе жатып эле… - Элмурат куудулданып калды.

- Анан, - Алмаш бырс күлө андан аркысын күтүп калды.

- Аа-а, эчтеке эмес, алып бара берчи ээ?

- Макул анда, жездемдин эртең туулган күнү, ошого алдым деп койойун. Ошентип койсом капа болбойсузбу?

- Макул, бирок үйгө барганда гүлдү жакшылап жыттасаң, башкача жагымдуу жыт бар экен.

- Кана? - деп Алмаш жыттап жатканда Элмурат:

- Үйгө барганда дейм, - деп колунан гүлдү ала койду. - Мен үйүңө чейин жеткирип берейинчи.

- Ага да макул, - деп Алмаш унчукпай келе берди. Күн кечтеп калса дагы эңкейип жыттай бергенде гүлдүн тең ортосунда бир ак барак жүргөнүн көрдү, бирок байкамаксан болуп койду. Алар жетип калганда короодон бир адам чыкты эле, Элмурат чочуп кетти.

- Ой, тиги сенин жездең эмеспи?

- Жо-ок ай, жездем жаш эле…

- Өх, жаман коркуп кеттим.

- Эмнеге?

- Балдызымды эмнеге жандап жүрөсүң деп урушабы деп да.

- Жездем балдызын корубайт, макул анда эртеңкиге чейин, гүл үчүн чоң рахмат, алтындай убактыңды коротуп жеткиргениңе дагы, - деп Алмаш короого кирмек болуп баратканда:

- Алтындай убакыт эмес, бүт өмүрүм сени менен өтсө да кайылмын, Алмаш, - деп жигит кол булгалап кала берди. Алмаш короого кирээри менен гүлдүн ичиндеги кагазды алып коюп, үйгө кирип барды. Жездеси Нарынбектин эртең туулган күнү болчу.

- Жезде, туулган күнүңүз менен! - деп кирип келди Алмаш.

- Ох-оо, балдызым эртелеп куттуктайын деген экен, - деп Нарынбек тура калды.

- Сизди куттуктабаганда кимди куттуктамак элем?

- Жакшы кылыпсың, рахмат.

- Эч нерсе эмес, жезде, - Алмаш алардын катарына отура кетти. Анын жүрөгү алактап, "Эмне деп жазды экен?" - деп ой-кыялы алда кайда кетип, жүзү албырып турган.

- Сен бүгүн таптакыр башкачасың, Алмаш, жакшы кабар уккансың го? - Нарынбек балдызын карап күлүп калды. - Бирөө жарым ала качып кетсе кайнатама кандайча жооп берем, ыя?

- Коюңузчу, жезде, ала качып эле эмне. - Алмаш ого бетер кызарып кетти.

- Кайдагыны айтпачы, өзү кор болбогудай болсо, мейли. Баткендиктерче тар батирге келин киргизип алгандардан алыс бол, келин алдык деп эле бир бөлмө батирине киргизип алышат экен, - деп эжеси Самаркан кабак чытый күйөөсүн карады. - Бир эки жыл жакшылап иштеп алып, анан жок дегенде бир окууга тапшырат да.

- Өзү сүйлөшүп алса тар батирине карайбы? - деп койду Нарынбек.

- Койгулачы, мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. - Алмаш улам чөнтөгүндөгү кагазды кармалаган сайын жүрөгү булкунганга чыдабай сыртка чыкты. Жарыкка барып, кагаздын төрт бүктөмүн ачканча жүрөгү лакылдап жатты. "Алмаш, бул жөн гана ак гүл эмес, менин ак сүйүүм, мен сени сүйөм. Эгерде сүйүүмдү кабыл алсаң мен бактылуумун, сени өмүр бою сүйүп өтөм. Ак сүйүүмдү кабыл алчы, Алмаш!", - деп коюптур. Элмурат шашылыш жаза койгон эле. Алмаш: "Мен дагы, мен дагы сени сүйүп калдым", - деп катты ээликкен жүрөк тушуна баса бир аз сыртта туруп, үйгө кирди да, жатып алды. Катты ушунчалык аяр кармай көкүрөгүнө басып алып көзүн жумду. Элмуратты көз алдына келтирип жылмайып алды. Кыялданып жатып уктап кетти. Эртеси жумушуна келип эле Элмуратты көрдү.

- Кандай, Алмаш? - деди ал акырын, мунусу катымды окудуңбу деген көз карашы эле. Аны сезген Алмаш сырдуу жылмая ишине киришти.

- Алмаш, сени Элмурат сүйүп калган го? - деди жанындагы Оксана деген кыз.

- Эмнеге?

- Билбейм, сени эле карай берет.

- Караса эле сүйүп калмак беле?

- Белгилүү да.

- Азыр сүйүүнүн кереги жок, иштеш керек, окуш керек.

- Туура, - деп койду Оксана.

- Сен сүйүп көрдүң беле? - деди Алмаш көптөн кийин.

- Сүйгөм.

- Анан эмне болду?

- Жалганчы жигиттер көп, мен сүйгөндөй сүйгөн жок.

- Кантип?

- Мени алдап дагы башка кыз менен жүргөнүн билип калып, таштап кеткем.

- Өзүң сүйсөң кантип кеттиң?

- Менин сүйүүм жек көрүүгө айланган, Алмаш.

- Жаман болгон экен.

- Байкап жүр, эркектер кыздарды жөн гана сынашат. Көңүлүңдөн орун алып алганча жанталашып сүйүүсүн арнап сүйдүрүп алып, анан ата-энеңди, бай-кедейиңди сүрүштүрүп көрөт да, бай болбосоң таштап качып кетишет, - деди Оксана ойлуу. - Ата-энеңдин колунда болбосо да бактыңды кармайт экен.

- Ошондой экен да, - деди Алмаш. Экөө шыбыраша упаковка жасап жатканда Элмурат улам даяр упаковкаларды ташып жатты, эки көзү Алмашта. Атайын кызмат унаасы менен товарларды ташып, дүкөндөргө өткөрүшөт. Кечке даяр продукцияларды коробкаларга салып жыйышат. Элмураттын иши өтө оор болуп кетет кээде. Бүгүн дагы колу бошоору менен Алмашты күтүп калды. Ал кыз-келиндер менен чыкканда ошол кыздардын ичинен өзгөчө болуп көрүнүп, жүрөгү ээ-жаа бербей лакылдап чыга келет. Кыздардан бөлүнгөн Алмаштын жанына дароо жетти да:

- Кандай? - деди күлө карап.

- Көрүп тургандай.

- Жооп сурап келдиңби, Алмаш?

- Жо-ок, бүгүн жездемдин туулган күнү да.

- Аа-а, өкүнүчтүү.

- Башка күнү…

- Макул, Алмаш, ата-энең барбы?

- Бар, бирок бай эмес.

- Ал эмне дегениң, Алмаш, ошонуң кантип болсун, - Элмурат таңгала карап ыңгайсызданып кетти.

- Азыркы жигиттер кыздарды ата-энесинин байлыгына карап мамиле кылат экен го?

- Кантип эле, мен андайлардан эмесмин.

- Мен ошондоймун деп ким айтмак эле?

- Алмаш, сен чындап айтып жатасыңбы?

- Эмнеге калп айтмак элем, чыным менен айттым, анткени азыр жигиттер ошондой болушат экен.

- Эмне ошолордун бирине кабылдың беле?

- Али кабыла элекмин.

- Алмаш, жүрү кафеге киребиз.

- Убактым тар.

- Жүрсөң эми. - Элмурат кызды колунан тартты. - Эртең менин туулган күнүм, сен барасыңбы?

- Кимдер барат?

- Каалагандар.

- Көрөбүз.

- Менин эң биринчи коногум сенсиң, Алмаш, кыздардан өзүң жактыргандар болсо чакырам.

- Макул, ойлонуп көрүш керек.

- Жүрү эми, бул эле кафеге киребиз.

- Кеч болуп кетпейби? - Кыз кыңырылды. Элмурат болбой эле колунан жетелей кафеге алып кирди. Экөө тамактангандан кийин Элмурат кызды таксиге салып, үйүнө жеткирип койду. Анын ата-энем бай эмес деген сөзүн эстеп, өзүнчө кыжаалат болуп жатты. "Эмне үчүн андай деди? Балким жигити ата-энесинин колунда жогунан таштап кеткендир", - деп да ойлонду. Бирок өзүнүн байлыкка кызыкпаганын далилдегиси келди. Эртеси апасы дасторкон жасап, тамак-ашын белендеп күтүп отурган. Аңгыча үч-төрт кыз менен төрт-беш жигитти ээрчитип Элмурат келип калды. Анын негизги максаты эле Алмашты апасына көрсөтүү. Дасторкон четинде отурган жаштар туулган күн ээсине каалоо-тилектерин айтышып, ырдап-бийлеп көңүлдүү бака-шака түшүп жатышты. Элмурат апасына акырын Алмашты көрсөтүп:

- Апа, кандай кыз экен? - деди кудуңдай.

- Жакшы, уулум, ыманы ысык кыз экен.

- Жактыбы?

- Жакты, бул тандооң мага жакты, уулум.

- Ур-ре-е! - деп бакырып колун чаап, апасын так көтөрө тегеретип, кайра жерге койду. - Апа, жакында келиндүү кылам.

- Болсун, каралдым, болсун.

- Анда камына бер, эмки эле жумада киргизем.

- Ырас элеби, уулум?

- Чыпа-чын, апа, көп күткөндө эмне.

- Айтканыңдай болсун, - деп эне-бала акырын сүйлөшүп алган соң коноктордун үстүнө кирди Элмурат.

- Элмурат, кана эми биз кетели, эртең жумуш, - деп жигиттердин бири ага кайрылды. - Туулган күнүң көңүлдүү улана берсин, бизге уруксат бер, жакшы отурдук.

- Баарыбыз эле кайталы, - дешип, бата кылып турушту. Элмурат Алмашты такси менен жеткирип, кайра кайтты. Кыз Элмураттын апасын, өзүн элестетип: "Жалгыз бала тура, жакшы аял экен апасы, жашоосу дурус эле экен, менин кыялымдагы бала", - деп жатып да, туруп да ойлонуп жүрө берди. Арадан бир ай өтсө да Элмурат келинчек алып келем деген күн келбей кечигип, экөө иштеп жүрө берди….

Света кызынын абалынан улам жүрөк ооруга чалдыгып, тез-тез дары ичип калды. Бир туугандары кабар алып турушат. Бир күнү Ысман Алыбаевич менен чай ичип отурган, ал кийинки кездери Светага көп келчү болгон эле. Ушул жолу ал өз оюн билдирип отурду.

- Света, мен сени ооруканадан көргөндө эле жактырып калгамын, сен да жалгыз, мен жалгыз дегендей, эки бакыр, бир тукур бололу, - деди аста сүйлөп.

- Мен жалгыз болгонум менен санаам көп, алгылыктуу жар болуп бере албайм го сизге…

- Кой, Света, сен экөөбүз али эч нерседен кала элекпиз, жашоо деген табышмактуу дүйнө, канча жашообуз бар кудай билет. Канча болсо да татыктуу жашап өтүүгө тийишпиз. Балдар бар, алардын жашоосу өзүнчө, алар келин-кесек тапты. Өзүмө ынабай издеп жүрөм, жашың өткөндө чай ичишээр бирөө керек экен, башка эч нерседен кем эмесмин, Света.

- Кайгыдан кабагымды ачалбай, жүрөгүмдү көзөп өтчү арманым жан кейитип турганда силер мени табалаганыңарбы же боор ооруганыңарбы?

- Кой андай дебе, Света, жан шерик болуп, түш оодуруп бараткан өмүрдүн калганын бирге өткөрчү адам сен го деп келип отурам, - деди Ысман токтоо. - Түшүнүп турам, кайгыңды тең көтөрүүгө даярмын, Света.

- Ойлоноюн, өзүңөр айткандай, өмүргө күүгүм аралаш кеч кире баштаганда колумду сурап, сизге окшогон кадырлуу адам келээри түк оюма келбептир. - Света үшкүрүп алып сырттан дабыш чыкканынан кулак түрүп мойнун созо эшигин карап калды. Ошол учурда үйгө Толкунбек кирди:

- Ассалому алейкум! - деп Ысман менен кол алышып учурашты да, Светага кайрылды. - Кандай, жеңе, Гүлинаны ооруп жатат деп уктум…

- Ооба, ооруганын айта көрбө, кулак угуп ишенгис, көздөн жаш ордуна кан агызган кайгы түштү башыма, - деп Света ыйлап ийди.

- Кандайча, эмне болуп?

- Ким билет, баштагысындай эле эркелигин карматып жатат деп ойлогом, заматта ушундай болду го-о! - буркурап жибергенде аны Ысман жубата сүйлөдү:

- Негедир кыздын оорусу тез өнүккөн, кимдир бирөө оорукчан адамга салган ийнени тамырына сайган. Түшүнүксүз болуп жатат бизге дагы, анализдерин кайра-кайра текшергенде да ошондой болуп чыкты.

- Кандайча тамырына сайган?

- Түшүнүксүз, Света, сиз жакшылап ойлонсоңуз, бул он эки-он үч жашында болгон, жаштык кылып билинген эмес. Анын үстүнө силер ою менен болуп, аны капаланткан эмессиңер, кийин бир катуу ойдон оору күч алып дароо сыртка чыккан.

- Сиз врачсызбы? - Толкунбек Ысманга кайрылды.

- Ооба, биздин ооруканада бир жума текшердик, өзүнө такыр келе алган жок.

- Эмне кылыш керек, деги дарылатууга мүмкүнбү? - Толкунбек кабатырлана карады.

- Болбойт, бир аз өзүнө келип кайра кармай берет, өтүшүп кеткен.

- Ушундай болду, кантейин, - деп Света зыркырап ийди.

- Токтоо болуңуз, Света айым, эгерде дабаа боло турган болсо ачык айтып ошондо эле баштамакпыз да.

- Жаңы, таза кан куюп дарыласа болбос бекен? - деди Толкунбек. - Туугандар чогуу кан беребиз.

- Аны байкап көрүш керек, адамдын канын толугу менен алмаштырыш үчүн көп кан керек.

- Анализден көрбөйсүздөрбү, эгер канын тазаласа сакайып кете турган болсо мен эч нерсемди аябайт элем, - дегенде Света Толкунбекти ичи жылый карап койду.

- Ошондой болсо кана, бүт канымды берип өлүп кете берсем арман жок эле, кызым жакшы болуп адамча өмүр сүрсө баарына ыраазы элем…

- Тирүүдө ар бир пенде өз маңдайына жазганын көрөт, Света, мен эртең аны алдырып келип, кан алмашууну байкап көрөйүн.

- Ошентсеңер эки дүйнөдө ыраазы болот элем.

- Толук айтуу кыйын, мен професорлор менен кеңешип көрөйүн, адамды ишендирүү оңой, ишенимди аткаруу кыйын.

- Сизге таяналы, сизге ишенели бир аракет кылыңыз. Мен бир оорулууну өлүм алдынан кан алмаштырып атып аман алып калышканын уктум эле, чынбы, жалганбы билбейм, - деп Толкунбек Ысманды үмүттүү карады.

- Сен агасы болосуңбу? - деп сурады Ысман күтүүсүздөн.

- Ооба-ооба, эң жакын байкемдин кызы, мага карындаш да, угуп алып жаман болдук, керектүүнүн баарын табууга даярмын!

- Азамат, бир туугандардын да мындай күйгөнүн чанда көргөмүн, байкең кадыр-барктуу адам болсо керек, жардамы да ошондой тийгендир, иним? - деп сынагандай карады.

- Ооба, туура таптыңыз, Надырбек байкем райкомго чейин барды, кийин негедир жогорулагысы келбедиби, кызматка кызыкпай калды ээ, жеңе, пайдасы да тийген.

- Азамат, жигит, бардык адам минте бербейт, жеңең экен да, Света, эми сага бир ооз сөз, - деп көз кыйыгын Светага жиберип, - Жеңеңдин колун сурап келдим эле, буга кандай дейсиң? - деди түз эле.

- Аа-а, мен кирише албайм го, байке, өзү билсин жеңем, - деп Толкунбек Светаны карады, ал жер карап унчукпай отура берди.

- Баракелде, иним, каршы эмессиң да?

- Улуу кишилерге каршы болуу кичүүнүн адепсиздиги эмеспи.

- Туура, сөз чынынан бузулбайт дегендей эми ага-инилериңен колуңду сурайын, Света. - Ысман күлүп калды.

- Башкы маселе биздин кыздын ал-акыбалында, байке, эртең өзүм барып бир көрүп келейин. Жиндиканага бир баргам, ошондо соо адамды да жинди кылып койооруна көзүм жеткен, аерге бир күн да койбойм! - деп Толкунбек агынан жарылып кетти. Света таң калып отурду, бирок эч нерсе дебеди.

- Ырас айтат, мен эмне кылаарымды билбей да калдым.

- Эртең экөөбүз баралыбы, жеңе?

- Ооба, барбасак болбойт.

- Машина менен чогуу баралы да, көрүп сүйлөшөлү, - деди ыңгайсыздана түшкөн Ысман.

Үчөө көпкө отурду. Ысман кеткенден кийин Света Толкунбекке карап:

- Рахмат, өз каныңдан жаралган бала экенин далилдегиң келген го? - деди жылмая.

- Кантип чыдайм, жеңе, угуп калып жетип келдим, атамдар да бир кабарын алып кел, барып көрөлү деп калды.

- Сакаюуга мүмкүнчүлүк болсо менде жок дейсиңби, канча жалдырадым, ушинтип боздоп отургуча барымды берсем да айыктырып албайт белем, эми дагы бир толук анализдетип көрөлүчү.

- Ким анын тамырына оорунун ийнесин сайышы мүмкүн?

- Кайдан, кантип ошондой болгонуна көзүм жетпей жатпайбы, болбосо өлбөгөн жерде калмакмын, жети-сегиз жыл мурун ооруп ооруканага да түшкөн эмес…

- Анда божомол го жөн гана.

- Ооруканага экөөбүз тең бардык, ал мени түртүп ийгенде башым катуу тийип, эчтеке билбей калыптырмын. Анализдерин текшергенде эле ошентип айтышты, кайдан билдим мындай болоорун.

- Эртең барып өз көзүм мен көрөйүн да, кайра айылга барып даярданып келейин, аракет кылбасак болбойт, - деп экөө үңкүйүп отурганда үй телефону чырылдады.

- Алло, ким бул? Ооба-ооба, эмне болуп, кача-ан?! - деген Света турбканы коюп, шалдырай отуруп калды. - Гүлина качып чыгып кетиптир, табалбай жатабыз дейт.

- Кудай уу-ур, эми кайдан издейбиз?

- Билбейм, ал эмдигиче эмне күндү көрдү, өлдү го-о, - деп Света өзүн жогото шалак этип жыгылып калды. Толкунбек аны диванга жаткырып, бетине суу чачып, убараланып жатты. Бул кезде Гүлина бир аз акылына келе түшкөн эле. Үстү-башын бир карап алып, акырын уурдана чыгып, медайымдар түштөнүп жүргөндө халат-тапичкечен качып кеткен. Маршруткага отуруп алып, ойду-тоону сүйлөп, кыйкырып ырдай бергенинен шоопур аны орто жолдон түшүрүп койду. Ошол түшкөн жеринде жол тосуп турса бир жеңил машина токтоп, Гүлинанын жаштыгына, сулуулугуна кызыгып салып алды.

- Кайда барасың, сулуу? - деп сурады рулда отурган толмоч киши.

- Бишкекке.

- Күйөөң уруп койгон го? - деп жылмайды айдоочу.

- Кардым ачты, - деди Гүлина айдоочунун жанында нан турганын көрүп.

- Нан жейсиңби?

- Ийи, - деп башын ийкеди эле, нанды алып берди. Гүлина сындырып жебей чекесинен тиштеп, бурдап сугунуп, бир башкача жей баштады. Аны байкаган айдоочу бирэсе таңгалса, бирэсе чочулап сүйлөбөй келе берди. Бир нанды үзүп-жулкуп жеп бүтүп, анан баклашкадагы суудан оозунун эки жагынан куюлта ичип отуруп калды. Берки киши: "Бул оорукчан неме го", - деп ойлоп:

- Атың ким? - деп сурады сынай.

- Атым, атым…

- Күйөөң барбы?

- Ал жок!

- Кайда кетти эле?

- Билбейм, - деп Гүлина ийинин куушуруп койду. Киши унаасын четке токтотуп:

- Бузулуп калды, түшүп тур, мен оңдоюн, - деди эле:

- Мен кетем, мени урушат, укол сайып сабайт, - деп отургучка тырмышып, салондун полуна жатып алып чыкпай койду. Анын ооруканадан качып чыкканын сезген киши кайра айдап жөнөдү. Аргасы кете эптеп шаарга жеткенде түшүрүп коюп, кеткенче шашты. Гүлинанын оюна эмне келгенин ким билсин, Элмураттын үйүнө кандай келгенин да сезбей калды. Эшиктин катуу такылдаганынан чыга калган Элмурат анын кебетесин көрүп чочуп кетти:

- Сен кайдан?

- Кечиктимби, кечирчи, Элмура-ат, мен сени алдап койдум ээ? - деп кучактамак болгондо ал ары түрттү.

- Бар үйүңө, мынча эмнеге ичип алгансың? - деген бойдон босогодон ары чыгармак болгондо Гүлина:

- Кетпе-ейм! - деп чаңырып, Элмуратты жөөлөй үйгө жүткүндү. Сырттагы үндөрдү угуп, Дарыйка чыгып келаткан.

- Эмне болуп кетти?

- Апа, апа, мени кетирбечи, мага укол саят, урат, апа! - деп кучактап алып ыйлап кирди.

- Ким урат, балам, бирдеке ичтиң беле, апаң издеп калбасын, - деп өзүнөн оолактата албай жатканда Элмурат кайра жанына келди.

- Мына, мобу мени урат, укол саят, корко-ом корко-ом! - деп Гүлина аны сөөмөйү көрсөтө бетин басып бакыра берди.

- Апа, койо берчи, жыгыласың. - Элмурат Гүлинанын ооруп калганын эми түшүнүп боору ооруду, аны алдамак болуп, - Гүлина, жүрү, бизди апам күтүп жатпайбы, сени сагындым дейт, барып келели, жүр, жүрө гой, - дегенде Гүлина эсине келгендей Элмуратты бир карап алды да:

- Апамбы, апама барабызбы? - деп алаканын чапкылай каткырып, секирип жиберди. - Кана апам, каякта апам?

- Азыр экөөбүз барабыз, жүрү, - деп Элмурат аны колтуктап жөнөдү.

- Апамды сагындым, апам кана? - деп ар кайсыны сүйлөй берип, тажатып ийсе дагы эптеп таксиге жетип отургузду.

Алар Надырбектин үйүнө келгенде кечки ондор болуп калган. Толкунбек менен Света үңкүйгөн бойдон качанкы өткөн окуяны өз-өзүнчө эстеп, күнөөсүн кечирүүнү кудайдан суранып отурушкан эле. Дарбаза такылдаганда Света жүгүрүп чыкты, эненин жүрөгү кызынын өлүү-тирүүсүн билбей дел болуп турган. "Качып чыкса үйгө келээр бекен", - деген ойдо ачып жиберип, кызын кучактап калды.

- Каралды-ым, кайда жүрөсүң?

- Эй, сен кимсиң, бар, бар нары! - деп Гүлина апасын өзүнөн алыс түртүп, кыйкырып кирди. - Кармагыла мобуну, мени урганы жатат, кармагыла-а!

- Гүлина, апама келбедикпи, сагындым дебедиң беле? - деп Элмурат силкилдетти эле, аны бир чапты.

- Апам эмес, бул желмогуз, көрдүңбү желмогузду, мени өлтүргөнү жатат. Мени алып кетчи апама, апам кана, апа-а! - деп эч кимди жолотпой бакырып жатканда Толкунбек чыгып келди.

- Кызым, сага эмне болду, жүр үйгө кирчи, жүрө гой, - деп кармайын десе аны да итере салып, артка карай качып баратканда үчөөлөп кууп жетип, бекем кармап калышты. Жулкунуп, жерге жата калып, чапкылап-тепкиленгенинен буту-колун таңып, үйгө алып киришти. Аны менен алышып жатып, баарынын шайы ооду. Гүлина эчтеке билбей бакырып-өкүрө берди, көптө барып оозунан көбүк чыгып, көзү аңтарылып жатып калды. Ошондо гана телефон чалып, тез жардам чакыргандан кийин трубканы койгон Света:

- Сен кайдан көрүп калдың? - деп сурады Элмураттан.

- Жолдон көрүп калдым, мени тааныган жок, абалын көрүп чочуп кетип, такси менен алып келдим.

- Рахмат, балам, сени таанып калган экен дебедимби?

- Жок, - деп Элмурат үйүнө барганын жашырып койду. - Эмнеге минтип ооруп калды?

- Билбейм, кудай боор ооруса сакайып кетээр, - деди Света сыр билгизбей.

- Мен барайын анда, жакшы туруңуздар. - Элмурат ордунан турганда Света:

- Тез жардам келип калса ооруканага биз менен барып келсеңчи, балам. Сен деп жүрүп ушул ооруга чалдыкты, сени катуу жакшы көрчү эле, жок дегенде ооруган кезде жанында болсоң жакшы болот эле, - деди.

- Макул, - деп жер карап калды Элмурат. Ошол убакта эшиктен тез жардам машинасынын үнү угулуп, Света чыга жөнөгөндө:

- Жеңе, эмнеге телефон чалдың, молдого окутсак болбойт беле? - деди Толкунбек.

- Жана ойлобой, мен коркуп кетпедимби, анда өзүм ооруп жатам деп укол сайдырып калайын.

- Ошо кантип болсун?

- Мен дагы көп чакырам тез жардамды, силер дагы чыга калгыла, Гүлүнү көргөзбөй ылдыйтан тосолу, - деп ылдый жакка шашыла түшүштү. Ансыз дагы жүрөгү лакылдап турган Светаны көрүп, укол сайып, дары берип жөнөп кетти.

- Кана эмне кылалы? - деди Света Толкунбекти карай.

- Молдо алып келели, оозунан ак көбүк чыкканына караганда кыргызча ооруган. Доктуруң айта берет, эчтеке билбей кээде өлтүрүп да коюшат экен, - деген Толкунбек Элмуратка карады. - Кана, жигит, жакын арада мечит барбы?

- Ой, бизден өйдөрөөктө мечит бар, азыр эле бара калгыла, - деди Света Элмураттан мурун.

- Кеттик, - деп экөө ээрчише жөнөдү. Элмурат аргасыз, мойнунан байланган иттей ыргылжың болуп баратты. Молдону ээрчитип келгенде Гүлина эч нерсе билбей буту-колу байланып диванда жаткан. Молдо дааратын алып келди да, дем сала баштады. Элмурат кетейин деп дагы уруксат сурады:

- Апам кабатыр болот, мен жок болсом такыр уктабайт, - деди үлдүрөй.

- Мейли барсаң бар эми.

- Жакшы калыңыз, сакайып кетсин, - деп шашыла дарбазадан чыгып, "өөх", - деп алып таксиге түшүп үйүнө кетти. Ал келгенде Дарыйка уктабай күтүп жаткан:

- Каралдым, аман-эсен келдиңби, үйүнө жеткирдиңби? - деди дароо эле көрүп.

- Ооба, апа, зорго бошонуп чыктым.

- Анча эмне ичип алган курган келин?

- Апа, ал ичпей эле кесел болуп калыптыр.

- Эмне дейт кокуй?

- Ооба, апа, абалы өтө жаман, мен чыдай албадым, апасынын ыйлаганына чыдоо өтө кыйын, - деди Элмурат ойлуу. "Сен деп жүрүп ушул ооруга чалдыкты", - деген Гүлинанын апасынын сөзүн эстеп: "Ушунчалык сүйдүбү мени, акылдан адашкыча сүйгөнбү байкуш, эми кантет, сакайып кетеби же?.." - деп кабагы салыңкы төшөгүнө баш койду. Бир убакка чейин уйкусу качып ары оодарылып, бери оодарылып жатып, араң көзү илинди. Эртеси да жүрөгү түпөйүлдөнө кыжаалат болуп, өзүн күнөөлүү сезди. "Өзүмчүлдүгүмдөн чырактай бир өмүргө кыянат кылдымбы, убалы кимге анын?" - деп ойлоно берди. Ал күнү жумушун эрте бүтүрүп, Гүлинаны көргөнү жөнөдү. Ал келгенде Гүлина дагы эле таңылуу жаткан экен. Света жанында ыйлап отуруптур. Толкунбек менен Ысман дагы бар. Алар менен сыпаа учурашып, анан:

- Гүлинанын абалы дуруспу? - деп сурады.

- Жылыш деле жок, көзүн ачса эле баягы, же тамак ичпейт, - деп Света көз жашын аарчып, кызын мелтирей карап калды. Ошол убакта кечээки молдо келип калды. Ал кирип отуруп:

- Бул кыз жаман жерди басып койгон, ошол жерден шайтан илээшип алган, этият болбосоңор мерт кылып коюшу мүмкүн. Жети жолу дем салып, күчтүү дубаларды окугандан кийин жети айга чейин күнүнө үч маал тазалап окуш керек. Өзүңөр куран окуп тургула, - деди теспесин ары салдырып, бери салдырып.

- Ошондо сакайып кетсе кана? - деди Света муңкана.

- Алла жиберген дарт, кудай дегиле, дабасы табылса билинбей калат, сабыр туткула, - дегенден кийин дем салууга киришти. Элмурат көпкө отуруп, бир маалда кетүүгө камынды. Акырын эшикке чыгып, ары-бери басып жүрүп, анан жөнөп кетти. Эмне кылаар айласын таппай үйүнө кеч келди. Дарыйка уулунун абалын көрүп, үндөбөдү. "Курган келин ооруп калганда биякка эмне келди, балам аны ойлонуп жаман абалда калды. Үйлөн дейин, эртерээк үйлөнүп алса унута түшөт беле", - деп ойлонуп:

- Эку, үйлөнөм деген күндөн өтүп баратат, кам-кашегим эбак бүткөн, келинди качан алып келесиң? - деди аста гана.

- Апа, бир аз койо туралычы, өзүм айтам.

- Кызың койо тур деп жатабы?

- Жо-ок.

- Анда эмнеге кечеңдетебиз, уулум, кыш кирип келгенче үйлөнүп алсаң, эки жагыбызды жыйып алат элек го?

- Шашпа, апа, дагы бир жума күтө тур, - деди Элмурат сумсая.

- Мейли, балам, андан өткөрбө, тууган-урукка дагы айтып койгомун, кулак түрүп турушат, - деп тим болду эне. Ошону менен сөз үзүлдү. Элмураттын ойлору чачкын болуп жатты. "Гүлина жакшы болгуча үйлөнбөй койо турсам кантет, кокус Алмаш башкага кетип калсачы? Гүлинанын адам болуп калганын көргөндөн кийин үйлөнсөмбү, анда ал таптакыр койо бербей койсочу? Болбосо өмүр бою өзүмдү күнөөлүү сезе берем да", - деп кыжаалат боло күндө бир маал Гүлинаны көргөнү барып атып, бир жума бою Алмаш менен сүйлөшө албай калды. Ошол күнү Гүлинага барса ал бир аз чай ичип отуруп калыптыр. Бирок киши менен сүйлөшкүсү келбейт экен. Света Элмуратты көрүп:

- Сен кирип сүйлөшүп көрчү, - деди кубангандай.

- Өзү жакшыбы?

- Бир аз дурус, дем салгандан бери оңоло түштү.

- Кирип көрөйүн. - Элмурат өйдө чыгып, акырын Гүлинанын бөлмөсүнө башбакты. - Гүлина, кандайсың? - деди күлө карап.

- Сен кимсиң? - дегенде Элмурат дагы, артынан келе жаткан Света дагы селт этип алды.

- Мен Элмурат эмесминби? - деди өзүн кармай.

- Тааныбайт экенмин, менин тынчымды албагылачы, - деп Гүлина ары карап кеткенде Элмуратты Света артынан тартты. Экөө дабыш чыгарбай ылдый түшүп келишти.

- Мен бара берейин, кудай буйруса дурус болуп калыптыр, - деп Элмурат Светага карады.

- Мейли, балам, сага да рахмат, сен болбосоң кызымды таппай жүрмөкпүз, апаңа салам айт, - деп кыйыла жооп берип атып, "Ушуну менен жашай берсе оорубайт беле, байлыкка дагы кызыкпаган жигит, кичи пейил", - деп ойлоп ийди.

- Жакшы калыңыз, колум бошосо акыбалын көргөнү келип турам.

- Келе гой, балам, эшигибиз ачык сен үчүн, - деп босогосуна чейин узатып кайра кирди.

Элмурат терең дем алып алды. "Жакшы болуп калат экен, эми барбай койсом дагы болот, кокус кетпе десе эмне кылат элем, кой үйлөнөйүн", - деп ойлоп, өзүн жеңил сезип тездей басып аялдамага ашыкты. Эртеси жумушуна көңүлдүү келди. Алмаш негедир ага таарынгансып калыптыр, карабай да койду. Кечке маал жумуштан чыкканда аны бура бастырбай тосуп алды, артына бекиткен аппак астра гүлүн сунуп:

- Кечир, Алмаш, бир иштерим болуп убактымды алып койду, - деди ийиле. - Кечир, Алмаш!

- Эмнеге кечирим сурайсыз, күнөөңүз кайсы? - Алмаш мостойо кашын кере жактырбагандай жооп берди.

- Сенин алдыңда күнөөм чоң, бир жума жолукпай калбадыкпы?

- Милдеттүү белеңиз?

- Ошондой сезем.

- Ойлонбой койсоңуз да болот.

- Кантип, сени жүрөгүм кагуудан токтогондо гана ойлонбой калышым мүмкүн.

- Жомогуңузду башкага айтыңыз. - Алмаш болбой кете берди.

- Суранам, Алмаш.

- Убара болбоңуз.

- Чынбы?

- Ооба.

- Мен анда машинанын алдында калам! - деп жол жээгине жүгүрүп жетти. - Алмаш, дагы сурайм, чынбы?

- Ооба.

- Бир, эки, ү-үч!

- Элмура-ат! - деп кыйкырып ийди Алмаш. - Токто!

- Кечирдиңби?

- Ооба.

- Чын айтасыңбы? - деп кыйкырды Элмурат жол боюнан.

- Чын! - деп Алмаш колун булгаганда жүгүрүп жете келип кызды так көтөрүп, айлан көчөк кылып жерге койду:

- Таарынычың жазылдыбы?

- Ооба-ооба, - Алмаш кыткылыктап күлө бетин басты.

- Кеттик анда.

- Кеттик! - Экөө жетелешип көчө бойлой кетип баратышты.

- Коркуп кеттиңби, Алмаш?

- Жо-ок.

- Эмнеге кыйкырдың анан?

- Жөн эле. - Кыз жигитти көз кыйыгы менен карады.

- Мен чындап келе жаткан машинага урунмакмын.

- Койчу?

- Чын айтам.

- Апаңызды ойлогон жоксузбу?

- Эмнеге?

- Сиз бирдеме болсоңуз ал кантет?

- Аны да, сени да ойлодум, азыр сени гана ойлоп жаткам.

- Аныңыз болбойт, кары кишини аяш керек, мен өзүм үчүн эмес, апаңыз үчүн сизге кыйкырдым.

- Чын элеби?

- Чын айтам.

- Анда сен мени сүйбөйт экенсиң да?

- Сүйөм деп айта элекмин, - дегенде Элмурат Гүлинага өзүнүн айткандарын эстей койду. "Сүйөм деп качан айттым эле, каалаганыңды кыла берчи", - дегени кулагына жаңырып: "Алмашты мен сүйөм, бул мени сүйбөсө, жашоо кызык ээ, неге ушундай болот? А Гүлинаны мен сүйө албадым, балким Алмаш дагы мени сүйө албайт. Анда өзүмдү сүйгөн адам менен жашай беришим керек беле?" - деп ойлонуп калганда Алмаш: - Сиз катуу ойлонуп кеттиңиз го? - деди токтой калып жылмая.

- Эчтекени ойлогонум жок, - деди Элмурат.

- Анда эмнеге сүйлөбөй калдыңыз?

- Сүйөм деген сөздү угуш үчүн.

- Кимден?

- Сенден.

- Кызык, жүрөктү кантип башкара алмакмын?

- Жигитиң барбы?

- Али ойлоно элекмин.

- Жигитиң болоюнбу?

- Сынга толуңуз.

- Толо элекминби?

- Катар басып сүйлөшкөндүн баары жигит боло бербейт.

- Туура, сыныңа толо албасам анда жигит эмес экенмин, кош, Алмаш, - деп Элмурат кызды сынамакка дароо артка кайрылды. Алмаш унчукпай карап туруп калды. Артына кылчайбай кетип бараткан Элмуратка боору ооруй артынан жүгүрдү.

- Элмура-ат, токто, Элмурат! - деп жүгүрүп келе жаткан кыздын дабышын сезип, башын жерге салып токтобой кете берди. - Элмурат, токточу, Элмурат! - деп карысынан кармай калды. - Таарындыңызбы мага?

- Жок, бактылуу бол.

- Токтосоңуз эми.

- Жолуңдан калба.

- Сиз жазылмайынча эч жакка кетпейм.

- Менин жүрөгүм жаралуу.

- Кандайча?

- Мен сүйгөн кыз мени сүйбөйт.

- Кантип эле, сиздей жигитти сүйбөгөн кыздын жүрөгү жок го, мен сүйүп калмакмын. - Жаркылдай күлө алдына тура калды.

- Чын элеби? - Элмурат дагы күлүп койду. - Мен сени сүйөм, а сенчи, Алмаш?

- Сүйөм! - деп кулагына шыбырай салып чуркап кетти кыз. Элмурат анын артынан жүгүрүп жетти.

- Кана дагы бир жолу айтып койчу? - деп ийинине колун койду. - Алмаш, айтып койчу эми.

- Мен дагы сизди сүйө-өм!

- Болду рахмат, мен бактылуумун, Алмаш.

- Мен дагы…

- Алмаш, эртең апам менен тааныштырайынбы?

- Уялам.

- А келин болуп калсаң кантесиң?

- Анда көрөм да, - деди кыз жылмайып.

- Апам сени жактырып калыптыр.

- Ыраспы?

- Чын айтам, мага ошол кызды келин кылып бер деп жатат.

- Чын элеби? - Кыздын көздөрү күлмүңдөп жайнап кетти. - Мен ал кишиге жакшы келин болуп берем.

- Алтышка, - Элмурат ойлоно калды, - Алмаш.

- Оов.

- Ата-энең мендей жетим балага күйөөгө чыкканыңа каршы болбойбу?

- Жок, алар каршы болбойт, бары да, жогу да, байлары да, кедейи да бирдей пенде деп келишет, байлыкка кызыгып өзүңдү кемитпе дешет.

- Жакшы кишилер экен анда.

- Ооба, апам менен атам өздөрү жоош-момун кишилер, адамгерчиликтүү. Ак пейил адамдарды жакшы көрөт, - деп Алмаш кыялданып сүйлөп баратты. - Жети баланы багып өстүрүштү.

- Жакшы, бири-бирибизди жакшы билип алдык. Мен болсо жалгыз баламын, буйруса көп бир туугандуу болот экенмин да.

- Насип болсо…

- Үйлөнөбүз.

- Эмне? - Кыз чочулай карады. - Эрте элеби?

- Жакында.

- Койо турчу…

- Апам шаштырып жатат, мен жокто жалгыз калат экенмин дейт, ошондуктан сөзсүз келин алып беришим керек, - деп күлүп койду эле, Алмаш да ага кошулуп күлүп калды.

- Мен ата-энеме айтышым керек да.

- Эмне деп?

- Күйөөгө чыгам деп.

- Ошентип айтасыңбы? - Элмурат кызды суроолуу караганда ал токтой калып:

- Эмнеге болбосун, ата-энебизге сөзсүз айтып кеңешишибиз керек. Алардын акыл-насаатын угуп, туура эмес десе сөзүн угушубуз керек, балким каршы болоор, же ак батасын берээр…

- Каршы болуп койсо мага чыкпайсыңбы?

- Көрөбүз.

- Алмаш, мен сенден ажырагым келбейт.

- Коркпо, алар каршы болбойт, кызы бирөөнү сүйүп турса ыйлатып туруп ажырата койбойт. Кой анда мен кетейин, сен дагы апаңды күттүрбөй тезирээк бар, - деди колун суна.

- Макул көрүшкөнчө.

- Эртеңкиге чейин. - Экөө коштошуп, эки жакка кетишти.

Ошондон бир жумага жетпей Элмурат Алмашты алып келди. Келин алуу жол-жосунун жасап, колунан келгенинче кудаларына барып, кууп келгендерди тосуп алып, бир топко колу да бошобой, ойлонууга убактысы болбоду. Арадан бир ай өткөндө алардын дарбазасынын жанына Гүлинанын машинасы токтоду. Дарыйка сыртта жүргөн, Алмаш үйдө болчу. Күн суук болуп калган. Утурлай караган Дарыйка Светанын көрүп чочуп кетти.

- Кел-кел, - деп эле сөз таппай калды.

- Кандай, кудагый, жакшы жатасызбы? - деп жайдары учурашып калганда эмне кылаарын билбей кайсалады.

- Жакшы-жакшы, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү? - деди Дарыйка кызаңдай, кары киши эмне дээрин билбей аң-таң болуп туруп калды. Же үйгө кир дегенге оозу барбай кылмышы бар немече бозорду.

- Элмурат кайда, кудагый, Гүлина жакшы болуп калды, сураганынан ага айтпай келдим, - деп үй жакты карай берди Света сүйлөп жатып.

- Ал жумушунда эле.

- Аерде жок экен.

- Элмурат товар ташыйт, бир жерде турбайт да, - деди, анан "Баары бир айтышым керек", - деген чечимге токтолуп, - Үйлөнгөндөн бери башка ишке өткөн, - деди тобокел кыла.

- Эмне дейсиз, качан үйлөндү эле? - Светанын өңү бозоро түштү. - Айткан жок эле…

- Эки-үч ай болуп калды, айтканда-айтпаганда эмне, акыры алат эле алды.

- Демек адамгерчилиги экен да, мен кайра жарашып калабы деп ойлободум беле, каран калгырдыкы ай, кызым эми эмне болот? - деген Света артына кайрылып, машинага отуруп жөнөп кетти. Үйдөн чыга калган Алмаш:

- Апа, ал ким экен? - деп кайненесинин жанына келди.

- Адашып жүргөн неме го, бирөөнүн үйүн сурайт.

- Аа-а, - деп коюп Алмаш кайра кирип кетти. Алмашты эки-үч айга чейин иштебей эле кой дешип, үйдө болуп жаткан. Элмурат кечкурун үйүнө келе жатканда Света жолдон жолугуп калып, алып кетти. Элмурат келгенде Гүлина телевизор көрүп кадимкидей эле отуруптур. Көрүп эле тура калып, мойнуна асылды.

- Эмнеге жоголуп кеттиң, сени аябай күтпөдүмбү?

- Сакайып кеттиңби? - деп бетинен өпмөк болгондо түртө:

- Мен качан оорудум эле? - деди жини келгендей.

- Аа-а, мен сени тумоолоп жатат дегем, - деп ийди Света.

- Ой, апа-а, ошондон өйдө айта бересиңби, Элмурат, кеттикпи, мен даярданайын ээ? - деп шашкалактап калганда Света менен Элмурат бири-бирин карап калды.

- Кызым, кудагый үйдө жок экен, үй муздак дейт, сен тумоолоп турасың, кийин барасыңар да, - деди Света Элмуратты сүйлөтпөй.

- Ооба-ооба, үйдө эч ким жок, от жагылбай үй суук.

- Эчтеке болбойт, апа, кыз күйөөгө тийгенден кийин ошол жакта болбосо болбойт, үй суук болсо жылытабыз. - Элмуратка карады. - Болбойсуңбу кетели.

- Гүлина, биерде эле болуп тур, мен өзүм келип алып кетем, сен жылуу үйдө туруптур, - деди алдамак болуп Элмурат.

- Эми мен сенден бир мүнөткө дагы бөлүнбөйм! - Гүлина өз билгенин койо бербей туруп алганда Света ага врач берген дарыны билгизбей чыныга эзип туруп, суу кошуп келди. Апасынын колундагы сууну көргөн Гүлина:

- Оозум кургап баратат, суу берчи, апа, - деди колун суна.

- Иче гой, кызым, - деп Света ага кармата койду. - Чогуу чай ичели ээ, кызым?

- Макул, - деп ашканага кирди Гүлина. Үчөө чогуу отуруп чай ичип жатканда эстеп алып Гүлина ордунан турду. - Уйкум келип жатат, апа, жатайынчы ээ? - деп туруп кетти.

- Жата гой, кызым, жата гой, - деген Света Элмуратты карады. - Ушундай, балам, эми эмне кылам билбейм, сен болсо үйлөнүпсүң, айла канча, үйлөнгөнүң туура. Өткөндө неге айтпадың, эки-үч ай болгон тура?

- Кечириңиз мени, - деген Элмурат: "Эки-үч ай болду деп ким айтты буларга, балким үйдөн уккандыр", - деген ойдо, - Мени кечириңиз, сүйүнчүлөгөндөй болбоюн дедим, - деп өйдө болду.

- Ооба-а, болчу иш эле болуптур, балам, эми сен аерден кетпесең барып уят кылат.

- Сиз капа болбоңуз, - деди да, Элмурат чыга жөнөдү.

Үйүнө келсе Дарыйка үрпөңдөп отуруптур. Эшикте бирдеме жасамыш этип жүргөн, көрүп эле акырын сурап ийди:

- Ботом, кайда жүрдүң?

- Апа, Гүлинага бардым, ал мени сурап кыйнап жатыптыр, аны көрүп, уктатып коюп келдим.

- Эми эмне болот? Сенин тынчыңды ала берет ал.

- Бул үйдү сатып, башка жактан үй алып көчүп кетиш керек, апа.

- Капырай, бул үйдө атаңдын баскан жерлери бар, кантип таштайм, Алмаш экөөңөр убактылуу бир жакка кете тургула.

- Апа, ал сен жалгыз отурганда келсе өлтүрүп койбойбу, оорусу абдан жаман экен, - Элмурат кыжаалаттана туруп калганда Алмаш үйдөн чыкты, андан тартынып чогуу үйгө киришти.

- Кеч калбай жүрчү, балам, эмне болду деп сары санаа болоорумду билесиң го? - деп Дарыйка келинине сыр билгизбей наалымыш этти.

- Иш да, апа, шеф кайда жумшаса кың дебей барышым керек.

- Мейли, каралдым, азыр заман такыр башка, элдин пейли бузулган, момундан зулуму көп, айлакерден куусу көп, уулум, - деди эне төргө отуруп жатып.

- Коркпой эле кой, апа, шаарда өсүп баарын билем го, тоодон келген бир неме болсом бир жөн, - Эне-бала ошентип сүйлөшүп отурганда Алмаш тамагын алып келди. Үчөө божурашып отуруп тамактанышты. Бир кезде Дарыйка жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Алмаш бөлмөсүнө киргенден кийин:

- Кандай зарыл жумушуң бар? - деди акырын.

- Шеф жиберген, жаным. - Элмурат келинчегин бекем кучактап алды.

- Кайда?

- Өзүнүн иштери бар экен.

- Мага айтканга болбойбу?

- Жок, жашыруун.

- Макул, сенден башканы жибербейби?

- Мага ишенет да.

- Ии-ий де, - деп төшөгүнө жата кетти.

- Алмаш, таарынбачы?

- Эмнеге?

- Менин кечиккениме.

- Бардык эркектер бирдей болот деген апам.

- Кандайча?

- Аялы үйдө болсо, сыртта бирөөсү сөзсүз болот деп.

- Койсоңчу, мени ошондой деп ойлойсуңбу?

- Жок, деги айттым да.

- Жа-аны, андай жаман ойду ойлобой жүрчү. - Элмурат келинчегин кучактап өпкүлөп жатты. - Мен сени эч кимге алмаштырбайм.

- Чынбы?

- Эркектик сөзүм.

- Ишендим.

- Анча-мынча кечигип калсам таарынбай жүр ээ?

- Таарынбайм, сен менин дагы жалгызымсың, - Экөө эркелешип төшөктө оонап жатышты. Аял-эркектин бактысы төшөктүн ичиндеги эзилишүү эмеспи, тиричилик менен алпурушуп кээде гана кер-мур айтышып же уруш-чабыш болуп кетсе да ортолорун бириктирген ысык мамиле ушул эмеспи. Бул жаңы гана жашоонун даңгыр жолуна түшүп, турмуштун эшек арабасын айдай баштаган жаш үй-бүлөнүн азырынча ысыгы тарай эле. Бир-бирин заматта сагынышып турган эки жаштын ортосунда жалындаган аппак сүйүү бар. Элмураттын жүрөгүндө түпөйүл санаа бар, Гүлинанын күйөөгө тийгенин билет, бирок анысы кайда экенине түшүнбөйт. "Балким, кыялына чыдай албай кетип калгандыр, болбосо ооруганда карабай кеттиби", - деп ойлоно берди. Ой түбүнө жетүү кайдан, биринин артынан бири келген ой аны туткундап алды. Бирок Алмаштын жанында өзүн ачык-жайдары кармоого аябай тырышат, анткени аны өзү сүйүп албадыбы, көңүлүнө кир калтыргысы келбейт. Эртеси жумушка келгенден кийин да ойлонуп жатты, эптеп товарларын тезирээк жеткирип коюп, Гүлинадан кабар алмак оюнда. Өчөшкөнсүп шефи аны чындап эле бир жумушуна жөнөтүп жиберди. Ошол машина менен дароо Гүлинага кайрылып, абалын көрүп кетүүнү ойлоп дарбазадан кирип келе жатса Света чыга калды, ыйлап алган.

- Ырас келбедиңби, балам, Гүлүнүн абалы оор, эчтеке билбей көгөрүп жатып калды, молдо чакырып келе кой, - деди дароо эле. Элмурат машина менен барып, молдо алып келген соң шоопурду жөнөтүп ийип, өзү калды. Молдо көпкө окуду да:

- Бул кыздын оорусу күчөп кеткен, кайра-кайра кармай берет, дабаасы жок, канга сиңип кеткен, - деди ыңгырана.

- Такыр айыктырганга болбойбу?

- Канды тазалаш керек, кан алмаштырганда дагы өзүнө эскини эстетпегенге аракет кылып, бир жыл жаш баладай карашыңар керек.

- Кандай болсо да сакайып кетсе болду эле…

- Ошондо да кан өз атасыныкы болууга тийиш, - дегенде Элмурат менен Света бири-бирин карап калды. Жымжырттык өкүм сүрүп, чай ичилип жатканда Ысман Алыбаевич келди.

- Сало-ом алейкум!

- Алеки салам.

- Отурупсуздар, эмне кеп?

- Кыздын эле сары санаасы, эми кан алмаштыруу керек экен, сиздин айтканыңыз туура окшойт? - деди Света аны өйдө өткөрүп.

- Кан берчүлөрдү даярдап алып келсеңер мен өзүм карап аракет кылам, эч кимге кабар кылбагыла.

- Болуптур, эртең агасы келет, дагы эки-үчтү ээрчите кел деп телефон чалам, - деди кызы сакайып кетчүдөй болгон Света.

- Мүмкүн болсо эртерээк киришкениңер дурус, биротоло тамырга орун алып калса оорунун сакайышы кыйын, дем салганда бир аз жин-шайтан алыстап, кайра келе берет, - деди молдо.

- Ооба, эртеңден лечениени баштайбыз, - деди Ысман ишенимдүү.

- Кудай колуңарга кубат берсин эми, ушу жалгызымдын өмүрү сакталып калса эчтекемди аябайм. - Көз жашын аарчый чай куюп отурду Света. Элмурат бүгүн дагы кеч келди. Бул күнү Алмаш эчтеке деген жок. Жай турмуш билинбей өтө берди. Алмаштын боюна болуп калганын байкаган Дарыйка кымыңдай кубанып алды. Анча-мынча ишти өзү жасап, келинин коргоп турат. Бул арада Гүлинанын канын алмаштыргандан кийин ал бир аз дурустап, эч нерсе менен иши жок болуп калды. Элмурат күн алыс ага барып жанында болот. Муну өзүнүн күнөөсүн жууганым деп билгени менен бара-бара ага тартылып туруп алганын байкабады, адамгерчилигим деп ойлоду. Света болсо Турсундун жоругун айтып бергенден кийин ага жини келип, ого бетер аяп калды. Ал жанында болгондо Гүлина дагы кабагы ачылып, ага кадимки күйөөсүндөй мамиледе кылат. Бирок Света ичинен сызып, ачык айталбайт. Алмаштын ичи билинип калганда Элмурат:

- Апа, мен эми келбейм. Гүлү абдан жакшы болуп калды, - деди.

- Балам, ал сени издеп үйүңө барып калса эмне болот? Мен ошондон корком, дурус болуп калды, ушунусуна шүгүр дечи, бирок сени көрбөй калса кайра башталабы дейм?

- Кудай сактасын, келгенге болбойт мага, келинчегимдин боюнда бар, апам дагы эмне дейт, мени кечириңиз, эми өз жашоомду өткөрөйүн.

- Рахмат, уулум, сен деле мага баламдай көрүнөсүң, экөөң бирге болгондо эмне. Кокус кызым оорубаганда алдамчыны табат элек, эми издегенде не пайда? Ал биздин байлыгыбызга кызыгып гана Гүлүнү жолдон адаштырган тура, ниети арам экен да шүмшүктүн.

- Мен аны көрсөм тааныйм, сөзсүз табам, - деди Элмурат ишенимдүү, анан акырын чыгып кетти. Бул кезде Гүлина уктап жаткан болчу. Эртеси эрте туруп эле:

- Апа, Элмурат жумушуна кеттиби? - деди.

- Ооба, кызым, иштери бар экен. - Света андан көзүн ала кача жооп берди.

- Эрте келем дедиби?

- Колу бошогондо келет да, кызым.

- Ай уш-шу, иштебей эле кой дебейсиңби? - Жини келе сүйлөдү.

- Ботом, иштебей да койчу беле, келет да, - деп жоошутуп айтканда Гүлина унчукпай бөлмөсүнө чыгып кетти. Баягыдай жулкунуп машинасын айдап качкан адаты калды, таарынбайт дагы, тек жоош-момун болуп баратты. Эчтеке менен иши жок. Элмуратты мурункудай эле күйөөсү катары көрөт, анын үйүнө барганды унутту, же эсинде жокпу, ким билет. Элмурат дагы эки күндүн биринде келип, анын жанында, кээде жатып калчу болду. Света ичинен сары санаага батып: "Аялы билсе эмне болот, бул анын аялы бар экенин билбейт, кокус боюна болуп калса эмне болот?" - деп ойлонуп жүрө берди. Алмаштын төрөй турган убагы болуп калганда Элмурат түндө келбей калды эле, Гүлина эчтеке ичпей, сүйлөшпөй дагы тултуюп жатып алды. Света күйпөлөктөп жанына келди:

- Кызым, бирдеме ичсең боло?

- Ичким келбей жатат.

- Ачка болосуң, ооруп калба.

- Мейли, Элмурат келбесе ичпейм.

- Балам, ал эми келбейт.

- Эмнеге? - Гүлина тура калды.

- Гүлү, анын үй-бүлөсү бар.

- Эмне экен, мен ансыз жашай албайм, апа.

- Капырай, бир мезгилде эки аял менен жашаса соттолуп кетпейби?

- Мен аны соттотпойм, анын аялы бар экенин билем.

- Өзү айтты беле?

- Ооба.

- Качан айтып жүрөт? Кызым, сенин маңдайыңа дагы бирөө жазгандыр…

- Башканын кереги жок, - Гүлина терс бурулуп жатып алды.

- Кой антпе, кызым, алар жакында балалуу болушат, аны көп алагды кылба. Андан көрө сен экөөбүз айылчылап келели, эртең айылдагы туугандарга баралы, ошентелиби?

- Эч жакка барбайм.

- Садага кетейин каралдым, сен ооруп калсаң менин көргөн күнүм эмне болот, бирдеме ичип алчы.

- Ичпейм дебедимби? - деп тура калганда Света чочуп кетти. Бирок Гүлина кайра жатып алды. Эчтеке дей албай Света ашканасына кирип кетти. "Оорусу кармап калбаса экен, көп сүйлөтпөй эле койойунчу", - деп жалгыз отуруп тамак ичип, анан ордуна барып жатты. Узун түндө ойлоно берип башы ооруп чыкты. Анын эми көзү илингенде дарбазанын коңгуроосу кагылганынан ачса иниси экен.

- Кел-кел, эмне мынча кеч жүрөсүң?

- Сизге акча алып келдим.

- Кир үйгө.

- Гүлина кандай?

- Дурус.

- Иш жакшы, эже, бир айдын акчасына кайра дагы иштөөчү аппарат сатып алдым, кеңейтиш керек, бул миллион сом, бекем катыңыз.

- Өзүңө чыгып жатабы?

- Жетет, аялым иштебей калды, сизге рахмат, эже, бул фирма болбосо эмне кылат элем, өзүм дагы ишке каныга баштадым, жумушчулардын саны эки жүзгө жетти.

- Ошент, ишти алып кетээриңе көзүм жетти да, Турсун шүмшүк бекер пайдаланып кетпедиби, аны күйөө бала деп сыйлап койсо сыйрып кетти, - деп Света кейип-кепчип калды.

- Өткөндү козгобой эле коюңуз эми, Гүлина жакшы болуп кетсе дагы жакшы күйөөгө чыгып алса фирманы Гүлинанын атына өткөрүп койобуз.

- Сен ушундан пайдалан, Эрмек, бир фирма ачып ал, мындан ары мага акча бербей эле өзүң иш баштап ал, азыр ансыз жашоо жок, кыйналбагыдай болсоң болду. Гүлназга дагы бутуна тургандай бирдеме бер, жанагы күйөөсү болсо же иш таппай, тапса иштей албай жүрөт. Менин жардамым тийсин.

- Мейли, аларды өзүм колго алайын, мен кетишим керек, эже.

- Бара гой.

Света инисин узатып коюп кайра кирди да, акчаны катып коюп, жатып алды.

Элмурат негедир Гүлинаны сагынып кетти. Аны да койо бергиси жок, Алмашты болсо сүйөт. Айы жакындаган сайын Дарыйка күнү-түнү саксактап турат. Негедир Алмаштын денеси оор тартып, кыймылдашы кыйын болуп баратты. Дал ошол күнү Элмурат Гүлинага келди, аны көргөн Гүлина кубанып тура калды:

- Келдиңби, келээриңди билгем.

- Сагынып кеттим. - Элмураттын ушинткенин уккан Светанын жини келди.

- Мен дагы, сен жок эчтеке ичкеним жок, эчтеке барбай жатат.

- Антпе да, ооруп каласың.

- Жүрөгүм айланып жатса кантип ичем.

- Эмнеге жүрөгүң айланды?

- Билбейм.

- Боюңда болуп калган жокпу?

- Эмне? - Гүлина таңгала тиктеп калды.

Алардын сөзүн уккан Света оозун баса ылдый түшүп кетти. "Ко-окуй, шерменделер, эми эмне болот, төрөсө бага алабы, мен болсо картайдым, качанкыга минтип жүрөт?" - деп кабатырлана жаагын таянып отуруп калды. Элмурат ал күнү түнөп калды. Түндө телефонун да өчүрүп койгон. Эртең менен кетип баратканда Света:

- Болду келбейм дебедиң беле, балам? Минтип жүргөнүңөр болбойт, эми жакшы болуп калды, рахмат сага дагы, жолуңар башка болгондон кийин кет, болду, - деди.

- Макул, апа, эми келбейм. - Элмурат башын жерге сала чыгып кетти. Жумушуна келе жатканда телефону чырылдаганынан ала коюп:

- Алло, угуп жатам, апа, - деди эле, Дарыйканын үнү угулду.

- Кайда жүрөсүң? Алмаш уул төрөдү, балам.

- Оо-ой, төрөдүбү? - Кубанып кетти. - Жакшыбы анан?

- Жакшы эле, мен азыр үйгө келдим.

- Азыр барып калам, апа, - деп телефонун өчүрдү да, жумушуна келип жооп алып, кайра үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Дарыйка бөкчөңдөй тамак жасап жаткан.

- Келдиңби? - деди үшкүрүнө. - Бул жүргөнүң болбойт, балам, эми сен Гүлинаны ташта, келин билип калса токтобойт, азыр тамакты ал да, бар, кечирим сура.

- Апа, мен Гүлинаны таштадым, эми барбайм, - деп үңкүйдү Элмурат.

- Ошент, балам, болбосо экөөнөн тең кол жууйсуң.

- Болду эми, аны менен сүйлөшпөйм дагы.

- Ал оорулуу болсо сени карай алабы, өмүр бою азабын тартасың. Аялың жакшы, уулум, анын убалын да ойло, - деген бойдон эне үндөбөй калды. Элмурат: "Чын эле унутушум керек, апасы дагы катуу эле айтты, эми барбайм", - деп ойлонуп, төрөтканага жөнөдү. Ал келгенде Алмаш туруп, баласын эмгизип жаткан. Колуна гүл көтөрүп алган Элмурат тосмонун тешигинен улам мойнун созо карай берип, көптө Алмаштын келе жатканын көрүп кубанып кетти.

- Куттуктайм!

- Рахмат. - Алмаш суз кабыл алды.

- Таарынбачы, алтыным, мен иштер менен болдум, кандай, өзүң жакшы элесиңби? - Эңкейип эки бетинен өптү. - Рахмат, алтыным, бир башымды эки кылдың.

- Апам үйдө калдыбы?

- Ооба, ал өзү балага кийим-кече алып келгени базарга барам дейт.

- Эмитен эле кийим алам дейби?

- Иий.

- Мен өзүм алып койгомун, убара болот да.

- Мейли, балабызга көп кийим алса эмне экен, Алмаш, баламды качан көрсөтөт?

- Билбейм, эртең келсең сүйлөшөйүн.

- Бүгүн, азыр болбойбу?

- Сүйлөшүш керек да, - деп Алмаш атайын кыңырылды. Элмурат эки жакты карап, бир санитарка аялды чакырды.

- Эже, сиз ушул жерде иштейсизби?

- Ооба, эмне болду?

- Мен балалуу болгомун, тун балам, көрсөтүп койосузбу?

- Ой, бала, мен бул жакта иштебейм, - деп аял ары кетип калды. Шынаарлап эшик тоскон аял басып келди:

- Балаңды көрөсүңбү?

- Ооба, эже.

- Бир аз күт, врачтар түштөнүүгө кетет, - деди шыбырай.

- Жарайт, эже, - деген Элмурат Алмашты күлмүңдөй карап өөп койду. - Мына уулумду азыр көрөм, менин уулум кимге окшош, магабы же сагабы, жаным? - Келинчегин кучактап алып турганда Алмаш:

- Элмурат, зарыл ишиң аябай көбөйдү го? - деди суз.

- Жаным, койчу эми, зарыл иштер болот да, кечээ Ошко барып келдим, шеф ал жактагы иштерин байкап кел деп жөнөткөн.

- Качанкыга ушинтет, же биротоло оң колу болуп жүрө бересиңби?

- Айлыгым дурус, азыр айына он беш миңди анча-мынчалар гана табат, жаным. Мага шеф он беш миң төлөйт, анча-мынча жакка жумшаса жолума төлөп берет, кантип барбай койом? - деп жан-алы калбай ишендирүүгө аракеттенип жатты. Алмаш ишенип, күйөөсүнө карай күлүп:

- Болуптур эми, жакында өзүнө жардамчы кылып албаса болду, - деди эле, Элмурат ага дагы жооп тапты:

- Ансыз деле жардамчысындаймын да, жашыруун, ачык иштерин мен бүтүрөм дайыма.

- Макул эми, үйгө бар, мен үшүп кеттим.

- Шашпа, менин баламды качан алып келет, ыя?

- Билбейм, - деп турганда жанагы аял баласын көтө келди.

- Оой, рахмат, эже, мына көрүндүгүңүз, - деп эки жүз сом берди да, жаңы гана төрөлүп, али көзүн ача элек наристени эки ууртунан аяр өптү. - Алмаш, уулум мага гана окшош экен, көрсөңчү чын эле мага окшош бекен? - деп келинчегине жылмая карады.

- Сага эле окшош экен, бирок эки оюнду бирдей ойной турганыңды тартпасын, - деп Алмаш наристени колуна ала ичкери кирип кетти.

- Жакшы жат.

- Өзүң дагы.

Элмурат үйүнө кубанычтуу келди. Дарыйка алган кийимдерин көрсөттү. Экөө кеңешип отуруп, баланын атына келгенде Элмурат:

- Апа, тун небереңдин атын өзүң кой, - деди күлмүңдөй карап.

- Өзүңөрдүн тандаганыңар болсо койо бергиле, балам, кыскасы ат коюудан жаңылбаш керек экен, наристеге жакшы ат коюу дагы келечегине тиешелүү болот экен, балам.

- Мейли, апа, ошону үчүн өзүң кой.

- Кутубий койолу анда.

- Ошо жакшы атпы, апа?

- Анан эмне, абдан жакшы ат, - деп койду Дарыйка ойлуу.

- Болду сенин неберең да, апа, сен турганда балам дебейм ээ?

- Кой антпей жүр, балам, балаңар өзүңөр менен аман болсун, ата-энеси менен болсун. Учуң узарсын, кагылайын, ууртуп-чууртуп келиним төрөй берсин. Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, жалгызымдын канаты жайылып, келечеги кең болсун, - деп эне өзүнчө күрсүнө ордунан турду.

- Апа, атам мен төрөлгөндө кандай кубанды эле?

- Айтпа, - деп мулуңдай кемпир өткөнүн эстегендей, - Атаң байкуш так эле жыйырма жетисинде көрдү сени, кубанганы чексиз болду, кайра-кайра сени колуна алып: "Дари, карачы уулумду, абдан балбан болчудай", - деп кубанганы эсимден кетпейт.

- А мен балбан болбой эле чилгир болуп калдым го? - Элмурат күлүп калды. - Эмнеге балбан болот деди экен?

- Өзү күрөшө койчу, сен мени тартып калбадыңбы.

- Атам койду беле менин атымды?

- Сенин атыңды чоң энең койгон, балам.

- Оо, анда менин баламдын атын дагы чоң энеси койот экен да, кийинки балабыздын атын дагы өзүң койосуң, апа, - деп сүйүнгөн Элмурат апасына эркелей кетти.

- Балам, эми сен ата болдуң, эркелегенди токтот, - деп Дарыйка жылмая уулун башынан сылай өөп койду. - Уулдуу болгонуңду куттуктайм, садага.

- Рахмат, апа, өзүң дагы неберелериңди жетелеп, төрүбүздүн куту болуп жүрө бер. - Эне-бала ал күнү бир топко чейин сүйлөшүп отурушту. Эртеси жумушка бараары менен шефи Керим Узакбаевич:

- Оо, жигит, кандай, уулдуу болушуң менен куттуктайм! - деп колун кысты.

- Рахмат.

- Эгерде керек болсо эки-үч күн колуң бош, келинчегиңди үйүңө алып келип алганча үйдө бол, - дегенде Элмурат кубанып кетти.

- Сизге рахмат, Керим Узакбаевич.

- Акча-тыйын керек болуп калса бухгалтерге кайрылып алып ал.

- Макул.

- Бара бер, үч күндөн кийин жумушта бол.

- Макул, Керим Узакбаевич, - деген Элмурат шашылып кабинеттен чыгып, бухгалтерге барды эле, ага деп дайындап койгон көрүнөт, айлыгын алдын ала бере салды.

Кудуңдаган бойдон үйүнө келди да, апасына кеңешип, Дордойго жөнөдү. Ал Алмаштын үстүнө бир сыйра кийим-кече алып, апасына дагы көйнөк-жоолук, көлөч-маасы алды. Анан гүл алып, Алмашка келди. Алмаш ойлуу отурган: "Элмураттын башка бирөөсү бар, болбосо эмнеге келбей калат? Кандай болсо да жашашым керек, баламдын атасы, өзүм сүйүп тийген күйөөм. Жаман айтпаса ага бирдеме деп сүйлөй бергеним туура эмес, таарынбай жакшы кабыл алышым керек", - деп уулун эмизип отурганда:

- Сулайманова, сени чакырып жатат, - деди бирөө.

- Ким экен?

- Күйөөң го?

- Азыр, - деп наристени жаткырып коюп, сыртка чыкты. Алмаштын бир аз өңү кубарып, барыгып турган экен, Элмураттын боору ооруп кетти.

- Алмаш, кыйналган жоксуңбу? - деди гүлүн сунуп, эки бетинен өбө.

- Жок, жакшы элемин.

- Уулум кандай?

- Уктап жатат.

- Ыйлаган жокпу?

- Жок.

- Качан чыгарат экен?

- Эртең чыгабыз.

- Ырас болгон тура. - Ошол убакта телефону чырылдап калды, караса Светанын номуру, өчүрүп койду.

- Ким? - Алмаш күйөөсүнө суроолуу тигилди.

- Жумуштан.

- Аа-а, шашсаң бара бер анда.

- Тамакты ысыгында ич ээ?

- Ооба, апам жакшы элеби?

- Ал эртең келет, бүгүн барбай эле кой дедим, баса, апам баланын атын Кутубий койолу дейт, сага жагабы?

- Апам билсин, тун небереси да.

- Оо-ой, алтын-ным десе, ушинтээриңди билгемин, - деп бекем кучактап өпкүлөп анан: - Эртеңге чейин, мен эми жумушума барайын, - деди.

- Мейли, бара бер, - деп кирип баратты келин.

- Алмаш, мен сени сүйөм!

- Мен дагы, - деп кылчая кол учун өбө көтөрүп коюп, коридордон бурулуп кетти. Элмурат төрөтканадан бурулаары менен Светанын номурун таап, кайра чалды.

- Алло, апа, жөн жай чалдыңыз беле?

- Элмурат, Гүлина кусуп тамак ичпей кыйналып жатат, мени менен такыр сүйлөшпөйт.

- Мен уулдуу болдум, апа, кол бошобой жатат, ушул бойдон барбай койсомбу дедим эле…

- Элмурат, азыр келип кет! - деп буйрук бере өчүрүп койду Света. Элмурат ойлонуп турбай аялдамадан маршруткага түшүп, дароо жетип барды. Элмурат келгенде Ысман отуруптур. Ал акыркы күндөрү Светанын колун сурап кайра-кайра келип аткан. Света ыйлап отурган экен.

- Ассалом алейкум! - деп кол алыша учурашты.

- Алеки салам, жигит.

- Гүлина бөлмөсүндөбү?

- Ооба. - Света жактырбагандай карады, бирок ошол эле учурда ага да боору ооруп кетти. "Кызымдын азабын бир эле өзүм тартпай кошо жүгүрүп жүргөн немени эмнеге жаман көрдүм", - деген кыязда кайра жайдарылана: - Элмурат, уулдуу болушуң менен куттуктайм! - деди артынан.

- Рахмат, апа, - Элмурат тепкич менен өйдө чыгып баратып жооп кайтарды.

- Бу жигит Гүлинага ким? - Ысман түшүнө бербей суроо салды.

- Гүлинанын мурунку күйөөсү болчу, кийинки күйөөсү бизди сызга отургузуп кетээрде зорго алып калдык. Көрсө, ал кызым үчүн эмес, байлык үчүн келген неме экен. Элмурат жалгыз кемпир тарбиялаган бала, чынында адал эмгекти жактырат, байлыкка бир жолу кызыкканын көрбөдүм, - деди ойлуу Света.

- Аа-а, жакшы, кайра жашаганга макул боло бер да.

- Элмураттын аялы бар, Ысман, жакында балалуу болушту.

- Ошонусу кыйын экен.

- Ошондой, кызым болсо ансыз жашабайм дейт, эмне кылаарымды билбейм, кызымдын тагдыры кандай болооруна көзүм жетпейт.

- Акырындап өз нугуна келет, кабатыр болбо. Андан көрө айтчы, мага уруксат бер, нике кыйдырайын, биргелешип жашоону өткөрөлү. Сени абдан жакшы көрөм, картайганда жан шеригим бол, Света, - деп колунан аста кармады. - Жашың өткөндө сүйүү келет десе ишенчү эмес элем, жүрөк картайбайт деген ырас тура, Света.

- Сен менин кандай абалда экенимди көрүп турасың го, Ысман. Азыр менин санаамдын баары эле кызым, анын келечеги бүдөмүк. Элмурат өмүр бою аны менен болбойт, ошондо анын акыбалы кандай болоор экен…

- Кабатыр боло бербечи, жүрү экөөбүз мечитке барып никелешип алалы, анан ушинтип жашай беребиз.

- Ал эмне дегениң?

- Антпесек болбойт, мен сага шакек алып келдим, көрчү жагабы, Света? - деп чөнтөгүнөн кутуча алып чыкты. - Бул шакек менин сага деген сүйүүмдүн белгиси, - деп колуна такканда Света үнсүз ага карап, жылмайып койду. - Кабыл алчы сүйүүмдү.

- Бала болуп кетесиңер да, эми сен да, мен дагы алтымыштын астанасына жетип калганда кайдагы сүйүүнү айтасың?

- Эмнеге, бизде да жүрөк бар, тыңшап көрчү, Света, жаш жигиттикиндей ээлигип турганын.

- Мунубуз обу жоктук го?

- Эчтеке эмес, обу жоктук кылганыбыз жок, мен жүрөк каалоосун аткарып жатам, Света, - дегенде өйдөдөн Элмурат менен Гүлина түшүп келе жатканын көрүп унчукпай калышты.

- Апа, мен Элмурат менен сейилдеп келейинчи?

- Бара гой, кызым, эрте келгиле.

- Тез эле келебиз, - деп экөө чыгып кетишти. Ысман Светага карады, ал жер карап көзүн ала качты. Света дагы канчадан бери эркек кучагын сагынганын сезди, Ысман ага жакын отуруп, бооруна кысты.

- Ушуга каниет кыл, Света, оорусунан сакайып кеткени дурус болду, эмкисин дагы көрө жатаарбыз. Андан көрө кучагымдан чыкпай көпкө отурчу, алтыным, биз дагы өз жашообузду ойлойлучу.

- Кантип, жалгыз кызымды кайдыгер карап, тим болушум керекпи, Ысман?

- Макул, ойлон, кыжаалаттана бер, эмнени өзгөртө аласың? Өзүң оорукчан болосуң, ал эми ар бир пенде өз пешенесине жазганын көрүүгө тийиш. - Света унчукпады. Экөө көпкө отурду. Акыры Света макул болуудан башка аргасы жок экенин түшүндү, ал жалгыздыктан коркту. Жалгыз калуу кандай жаман, өмүр бою эч нерседен кемибей жашаганы менен балам жок деп канча зарлады, эми кызынын келечегинен камтама болуп келет.

- Көрөйүн эмне болгонун, айла канча, Элмурат эки аял менен жашап кыйналып кетээр бекен, жалгыз бала бечара, акыры бири калат да…

- Света.

- Ийи.

- Кандайча Гүлинага Толкунбектин каны туура келип калды, ушуга түшүнө албай жүрөм.

- Тууган эмеспи.

- Мүмкүн эмес.

- Эмнеге?

- Бир тууган болсо бир жөн, бир-эки ата өткөн туугандын каны бирге болушу күмөнсүтпөй койбойт.

- Ошону билүү зарылбы?

- Зарыл эмес го, бирок…

- Эмнеге бирок?

- Билгим келет.

- Мен дагы түшүнө албай калдым, башкысы кызым сакайып кетсе деген ой менен аны ойлоого да убактым болгон жок, - деп тунжурай сыр чыгаргысы келбеди Света.

- Эмнеси болсо дагы бир сыр бар.

- Болсо болоор, мени кызыктырбайт, эми сен үйүңө бар, тигилер келсе эмне деп ойлошот? - деди Света жылмая.

- Керек болсо ачык эле айтыш керек.

- Жо-жок, болбойт, кызымдын оорусу кармап калбасын.

- Азыр абдан жакшы болуп калды, ага катуу айтып, байкап көрүш керек, андан көрө Элмураттын аялы бар экенин айтып көр.

- Аны билет.

- Укканда эч нерсе болгон жокпу?

- Жок.

- Анда коркпой эле кой.

Ысмандын дегеле кеткиси жок. Толугунан келген Света аны көзүнүн кыйыгы менен карап коюп, кечкиге тамак жасап кирди. Ал күнү Элмурат менен Гүлина кеч келди, алар дагы эле врачтын отурганын көрүп таңгалды. Чогуу отуруп тамактанышты да, Гүлиналар өйдө чыгып кетишти.

- Бул врач эмнеге биерде отурат? - деп сурады Элмурат.

- Ал апама ашык болуп калгандай, - деп Гүлина күлүп койду.

- Анда аталуу болосуң го?

- Атамды эч кимге алмашпайм, өлүү арстандан тирүү мышык өйдө болуп жатса керек да.

- Апам деле али жаш эмеспи, кокус сен күйөөгө тийип кетсең жалгыз калат, аны да түшүн.

- Каршы болбойм, болгону аны ата дебейм, врач деп гана сезем, ал эми сенден башканы күйөөм деп эсептебейм, - Мойнуна асыла кетти. - Сен мени таштабайсың ээ?

- Аялым, балам бар, Гүлина, ушуну түшүнчү.

- Түшүнбөйм, билгим да келбейт, сен меники гана болосуң.

- Эсиңе кел, Гүлина.

- Эсим менен элемин, билип кой мен сенин биринчи аялыңмын!

- Менде бир гана аял бар, сен экөөбүз эки бөлүнгөнбүз эбак эле.

- Мен дагы жакында төрөйм. - Гүлина мыйыгынан күлүп койду. - Бул дагы сенин балаң, демек сен эч жакка баралбайсың! - деди ичин сыйпалай.

- Гүлина, мен мындан ары келе албайм, сен балаңды алдырып сал!

- Эмне, алдыр дейсиңби? - Гүлина бир башкача карады. - Алдыр дедиңби, мен бул баланы алдырбайм, Элмурат. Эгерде жиниме тийсең үйүңө барып, аялыңа ачык айтамын, кетсе ал кетээр, а мен эч качан кетпейм, - деп креслого отурду. - Кел, Элмурат, жаныма отурчу, жа-аным.

- Гүлина, ушинтип жашай берген сага жагабы?

- Жакпаса да сен үчүн баарына чыдайм, мен сенден балалуу болууга даярмын. Сен үй-бүлөң менен боло бер, мага да келип-кетип турсаң болду, сага акча керекпи, Элмурат? - деп туруп барып тутамдай алып чыгып, алдына койду. Анын абдан токтоо, көтөрүмдүү болуп өзгөргөнү Элмуратка жагып да турду. Акчаны алып айландыра карады да, жылмая Гүлинанын маңдайына келип:

- Мени сен сойку эркек деп ойлоп жүрөсүңбү, баламды сатып алганы жатасыңбы? - деди акчаны силкилдете.

- Элмурат, биз эрди-катынбыз, бизде сеники-меники деген болбош керек, биздин балабыз болот, - деп күлүп өйдө боло мойнуна асылды. - Мен сени кандай сүйөөрүмдү билсең го… - Гүлина ыйлай баштады. Элмураттын боору ооруп кетти, бекем кучактап өпкүлөп жатты.

- Мен дагы, мен дагы сени жакшы көрөм, Гүлина, сен дагы төрөп бер мага. Мейли Алмаш чыдаса жашаар, чыдабаса кетээр, бирок баламды кантем, ал таштабайт го?

- Мага каалаганда кел, Элмурат, өмүр бою сени күтүп жүрүп өтсөм да кайылмын, иши кылса жаныма караан болсоң болду, жаным…

- Берекем менин, эмнеге мурда ушундай болбодуң, эгер ошондо ушундай болсоң сени таштамак эмесмин.

- Эми жагамбы, Элмурат? - Гүлина күлмүңдөй карады.

- Ооба.

- Мен дагы сени жанымдай көрөм. - Экөө көпкө кучакташып тура берди, эч ким тоскоол болбогон соң жатып калышты. Бул кезде ылдыйкы бөлмөлөрдүн биринде Ысман менен Света дагы биринчи түндү бирге өткөрүп жатышты. Бул жашоодо адам баласы күтпөгөн, ойлобогон окуялар болуп кетет. Света көөнүндө эркек менен болгусу келбесе да, калган өмүрүн жалгыз кызы үчүн өткөрүүгө даяр болсо дагы качандыр бир кезде жалгыздыктан жабыр тартаарын сезип, жанында акыл кошоор адамдын керек экенин ойлоп, макул болду. Тагдырына баш ийип берди. Ошентип бул заңгыраган үйдө кээде үч адам, кээде төртөө болуп тамактанып калат. Анткени Элмурат кээде эки-үч күндөп келбей калат. Ал күндөрү Гүлина эч нерсе болбогондой өз бөлмөсүндө. Ооба, бул үй-бүлөнү тамак-аштан кемчил болуу маселеси кыйнабайт, аларга ашыкча дүнүйөнү өмүр бою жыйып коюп, тукум улаар артында эч кимиси жок арманда өткөн бир пенде. Элмурат Гүлина берген акчаны алып, эртеси Алмашты бир сыйра жаңы кийимдерин кийинтип, гүл кучактатып төрөтканадан чыгарды. Баланы Дарыйка көтөрүп, такси менен үйгө келишти.

- Ийе, уулум, кудаларга сүйүнчүлөп койсоң боло? - деди үйгө келээри менен Дарыйка.

- Ой, апа, эмдигиче айта элексиңерби?

- Жок.

- Азыр телефон чалайын, сен сүйүнчүлө, апа.

- Келе бери, балам, кудаларга өзүм сүйүнчүлөбөй анан, - деп Дарыйка мулуңдай телефонду кулагына такады. - Алло-алло, бул Султанбек куда бекен? Иий, ооба-ооба, сүйүнчү, куда, неберелүү болдук, Алмаш уул таап берди. Ооба, жаңы чыгарып келдик. Күйөө балаң тартынып айтпаптыр, өзүм сүйүнчүлөп жатам, мейли-мейли жакшы тургула, көрүшкөнчө, куда, - деп телефонду Элмуратка берди. - Ушуга чейин эмнеге айтпадыңар деп куда таарынып калды.

- Таарынбайт, - деп койду Алмаш.

- Мейли эми, кана уулумду өзүмө берчи, балам, - деп наристени Дарыйка колуна алды. Алмаш ичинен абдан ыраазы болуп турган, кымбат баалуу кийимди жаңы алып берип, кучак толо гүл менен өзүн чыгарып алган күйөөсүнө ыраазы. Уулунун аты Кутубий болду. Семиз койдун этин салып, беш бармак жасады эне, келинин жаткырып жылуулап жапты. Ошол түнү экөө калганда Алмаш:

- Элмурат, мынча акчаны кайдан алдың? - деп сурады.

- Мен шефтин ишеничтүү адамы болсом…

- Койдум-койдум… Рахмат сага, Элмурат.

- Эмне үчүн?

- Баары үчүн, мен бактылуумун.

- Мен дагы, жаным. - Экөө кучакташып эзилише өбүшүп жатышты. - Сен эми канча күндө жарайсың? - деп күлдү Элмурат.

- Кыркы чыккыча.

- Кырк күнгө чейинби?

- Ооба, эмне көппү?

- Аябай көп да, кантип чыдайм?

- Чыдашың керек. - Алмаш кылыктана күлүп койду.

- Аялдар жаш төрөгөндө жаңырып жашарып турат дейби?

- Ошондой бекен?

- Наристедей таза болуп калат дешет экен.

- Чын элеби?

- Ооба, ошентип уккам, бала ыйлаак эмеспи?

- Жок, аябай жоош боло турган.

- Өзүмдү тартат экен да.

- Сен жоош бекенсиң?

- Ананчы, мен аябай жоош экенмин, апам жумушун жасап бүткүчө кыймылдабай жата берчү экенмин.

- Жакшы экен, бул дагы жоош болсо жакшы болот эле.

- Ыйлаак болсо да аман болсун, - деп Элмурат ушул учурда Гүлинаны эстеди.

"Байкушум десе, эмне кылып жатат болду экен, мени күттү го, уктады бекен?" - деп Алмашты кучактап жатканы менен ою башка жакта болуп жатып, көзү илингенин билбей калды. Уулунун эки от менен ойноп жүргөнүн билип эле турду Дарыйка, бирок айткан менен болбосун түшүндү. Бир күнү ага атайын эрте туруп, чай берип отуруп:

- Балам, сен Гүлинанын атасынын байлыгына азгырылып жүрөсүңбү? - деди аста гана.

- Апа, не деп жатасың, качан менин байлыкка кызыкканымды көрдүң эле…

- Анда Гүлинаны ташта!

- Апа, таштай албайм, анын дагы боюнда бар.

- Эмне дейт, карангүн! - Эне эки жагын карап алды. Алмаш уктап жаткан эле, ойгонуп кетпесин деп эшикти акырын жаап келди. - Бул жүрүшүң болбойт, ал сенин аялыңдын бар экенин билеби?

- Баарын билет, апа, ал аябай өзгөрүлгөн, оор салмактуу, турмушка терең ойлоп, баа берип калган.

- Ошондо да бирин тандашың керек, Алмаш жакшы келин, карыган кезимде мени убайга салдың го, балам.

- Кабатыр болбо, апа, президент менен депутаттар эле эки аял менен жашайт бекен, жөнөкөй адамдар дагы каалаганынча жашай алаарын сездим. Гүлина мени сүйөт, а мен Алмашты сүйөм, экөө тең мени менен жашагысы келет, экөөнөн тең ажырабайм, апа, сыр билгизбей жүрө бер, -

деди да, жумушуна чыгып кетти.

Дарыйка зыңгыраган бойдон отуруп калды. "Каралдым ай, кандай болоор экенсиң, эки аял эки азыткы, бир күнү келип азапка түшпөсөң болду", - деп отурганда Алмаш баласын алып келип карматты:

- Апа, кармай туруңузчу, үйдү жыйнап алайын.

- Келе бер уулумду. - Дарыйка наристени колуна алып, үңүлө карап отурду. - Айла-анайын күчүгүм, ырысым менин, кудайга шүгүр, ушу күнгө жеткирип, неберемди көзүмө көрсөткөнүңө миң мертебе ыраазымын, жараткан, - деп болбоюп уктап аткан наристени акырын ууртунан өөп койду.

- Апа, Элмурат жоош беле?

- Ооба, садага, болбурап абдан жоош болчу садагаң кетейин.

- Куту дагы жоош болот го ээ?

- Атасын тартса жоош болот.

- Апа, атамдар келебиз деп чалды, - деди Алмаш кайненесинин жанына отуруп жатып. - Эртең келээрин Элмуратка айтып койойунбу?

- Айтып кой, балам, кудалар келсе камынышыбыз керек экен.

- Өздөрү союп келишет, эт албай эле койолу.

- Кой, балам, эт албасак болбойт, сен базарга барып кел, мен баланы алып турам. Көтөрүп кыйналбай эле таксиге түшө кал, балам, кийит-кечени Элмурат экөөбүз эртең алып келебиз, - деп кайнене менен келин сүйлөшүп отурушту. Элмурат кечиккенинен телефон чалды эле, өчүрүлгөн экен. Ичи уйгу-туйгу болгон Алмаш кирип-чыгып чала берди. Бир кезде ага кат жазып жөнөттү. Элмурат Гүлинанын жанында болчу.

- Элмурат, телефонуңду өчүрбөй эле койсоңчу, менин бүгүн көңүлүм жок, аялыңа баргын, эгер керек болсоң чалам.

- Жаным, кетип калсам капаланбайсыңбы?

- Жок, бул жолу өзүм тандабадымбы, капачылык жок, кана азыр телефонуңду жандыр, балким чалып таппай жаткандыр, - дегенде Элмурат телефонун күйгүзүп, кат келгенин көрдү. "Элмурат, атамдар келет экен, эрте келип кал", - деген Алмаштын катын окуду.

- Ырас эле, мени издеп жатышыптыр, Гүлина, кайын журт келет экен, мен барайын.

- Бара бер, баары бир мен сенин гана аялыңмын, - деди Гүлина жай гана, Элмурат аны эки бетинен өөп коюп, шашылыш жөнөдү. Булардын ортосунда байланыштырган бир гана боорукерлик, айоо сезими турган эле, Элмурат аны кайрадан жакшы көрүп калдым деп ойлойт. Ал эми Гүлина бир кезде аны катуу сүйгөн. Бирок анын оорусу али так айыга элек, ушул төрт-беш айдын ичинде өзүн жаңы туулган наристедей сезип жүрдү.

Алардын үйүнө эртеси Толкунбек аялы менен, иниси Баатырбек болуп, беш-алтоо келип калышты. Алардын келген себеби Толкунбектин улуу кызын шаардан бир студент алып качыптыр. Ошону кубалап барышмак экен. Күпүлдөп сүйлөп, ал-абал сурашып отурушту. Гүлинанын акыбалын сурашты, ал булардын үстүнө келген жок. Толкунбектин улуу кызы он сегизде болчу.

Тагдырдын буйругу кандай болоорун ким билмек. Турсун эки жыл ичинде Гүлина менен жашайм деп эки кабат үй бүтүрүп алгандан кийин баарын алып, качып кеткен. Ошол үйдө жашап үйлөнүп бир кыздуу болгон. "Мени кимиси издеп тапмак эле, тапканда эмне кыла алат", - деп ошол эле шаар ичиндеги жаңы конуштардын биринде жашап жаткан. Иниси Жүрсүн төртүнчү курста. Өзү эптеп бир жумушта иштеп жүрүп, иниси үйлөнөм дегенинен үйлөнтүп жаткан. Жүрсүн менен Жазира бири-бири менен сүйлөшүп жүргөн эле. Эртеси Толкунбек аялы экөө калып, Светаны кошуп куугунга жөнөтүштү. Келишкен үйдүн алдына келип токтогондо Толкунбектин иниси Баатырбек:

- Кызды уурдагандар ким, кана алдыбызга келсин, кызыбызды алып кетебиз, - деди күпүлдөй.

- Айланайын, куда, кыз менен бала сүйлөшүп жүргөн экен, ачуу душман акыл дос дейт, бир ачууңду бизге берип үйгө киргиле, - деди бир аял.

- Эмне, эркектериңер жокпу?

- Куда, менмин үй ээси, күйөө балаңардын агасы болом, кулдугубуз бар, башыбыз-малыбыз тартуу! - деп Турсун эч ичинен суурулуп чыкканда Светанын көзү чакчая түштү. Ал машинадан түшүп, бери басып келди:

- Сенби, сен экенсиң ээ, арам тамак алдамчы! Баатырбек, алып чык кызды, кыз эмес, кызыл жип карматпай турган шерменде булар, ушул инисин дагы Надырбек окууга киргизди эле, - деп Баатырбекке караганда ал таңгалып калды.

- Мен муну бул үйдөн да чыгарып салам, ким издеп, ким табат эле дедиң беле? Кудай кылам десе ушинтип эле колго түшөт мындайлар! - деп алкынды. - Алып чыккыла кызды! - дегенде тургандардын эч кимиси үндөбөй калышты. Турсундун аялы келип:

- Бул эмне дегениңиз, Турсун, бирдеме дебейсиңби? - деди эле, Турсун ооз ача албады.

- Сен кимсиң? - деди Света ага.

- Мен аялымын.

- Жыргапсың, бир аялды байлык үчүн, бир аялды бакыт үчүн алган ушундай жүзү караны да жер көтөрүп, эл аралап басып жүргөнүнө тобо! - деди Света.

Ошол кезде жоолукту алдына салынган Жазира чыга калып:

- Мени кечириңиздер, мен Жүрсүндү сүйөм, ансыз жашай албайм! - деп жер караганда Баатырбек аны чекесинен өөп:

- Кеттик, карындашым, бул жерде кала албайсың, - деп машинага отургузуп, айдап жөнөдү. Света үйүнө келгенден кийин ыйлап жаткан кызды карап болгонун болгондой айтып берди.

- Эртең таң атпай кармабасак ал шүмшүк качып кетет, - деди сөзүнүн аягында. Толкунбек дагы ачууланып араң отурганда Жазира жеңеси менен сүйлөшүп, боюнда бар экенин айтты эле, баары мелтиреп отуруп калышты. Кыз өлөм деп чыкты. Алар ошентип отурганда Турсундун агалары, тагасы, карындашы болуп жетип келишти. Үйгө кирип орун алгандан кийин Бекболу сөз баштады:

- Кудагый, итчилик бизден кетиптир, биз уккан-билген жок элек. Эми жаштар сүйлөшүп алган экен. Турсун эмес, биз келдик алдыңарга, биздин бала дагы өлөм деп коркутуп жатат, агасынын жүзүн карабайм дейт. Кыйын абалга түштүк.

- Ошого ким айыптуу, эки тизгин, бир чылбырды колуна бердик, каалагандай болсун дедик, ырыскыны көтөрө алган жок. Кызым ошонун айынан ооруп ары барып бери келди. Мен кечтим, бирок ошол үйдү мына бул Жазиранын атына которбосо мен алып койом. Фирманы курутканы аз келгенсип үйдөгү эки миң долларды уурдай качкан. Биз эми аралашпайбыз, өздөрү билишсин, кыздын ата-энеси турат, - деп Света туруп кеткенде Толкунбек:

- Өлсө өлө берсин, мен андай неменин тукумуна кыз бербейм! - деди. - Андай арам тамактын иниси эле кайсы болсун, ал дагы ошонун биридир да.

- Кой, куда, бир ачууңузду бериңиз бизге, Турсун өз айыбын өзү тарта берсин, Жүрсүн жакшы бала, анын келечеги бар.

- Каны бир да, бир кызыбызды агасы тигинтип кетсе бир кызыбызды иниси алат бекен? - деди аялы Нурийла.

- Айыбыбызды тарталы, келинди айылга алып кетебиз, бир ачууңарды бизге берип, эки жашты ажыратпайлы эми, - деген Бекболу ортого түйүнчөк койду. - Мында жүз миң сом бар, жеңетай тою болсун, ал эми калыңды буйруса эл катары койобуз.

- Жок, болбойт, кызыбыздын кийинки жашоосунан кабатыр болуп отура албайбыз. Бул акчаны ансыз дагы Турсундан өндүрөбүз, соттолуп кетпейин десе төлөп берет, үйдү дагы бошотуп койсун! - деди Толкунбек акчаны ары түртүп. Ошол убакта курун мойнуна салып ыйламсырап, мусаапыр кейиптене Турсун келди алдыга.

- Мени кечириңиздер!

- Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, куда, кылган күнөөсү үчүн бир түн ичинде бир тууганынан, аялы менен кызынан айрылганы турат, кечирим бериңиздер?! - деп тура калып башын ийди Бекболу. - Мен бир тууган агамдын арбагы үчүн ушуларды караан тутуп келем, кулдугубуз бар, келинге сөйкө салып, жаңыча алып кетейин.

- Мени кечириңиздер, иттик кылдым. Туура айтат апам, эки чылбыр, бир тизгинди бергени да ырас, мен акмактык кылдым. Кечириңиздер, өл десеңиздер өлөйүн…

- Сен бизден сураба, Света жеңем менен Гүлинадан сура! - деди Толкунбек. - Кандай уятсыз, напсиң курган немесиң, ыя?

- Кечириңиздер!

- Ушул үйдү кандай абалга калтырганың эсиңдеби? Кудайдын көзү түз экен, аткан окту житкен ок табат деп, экинчи кызыбыз качанкы өткөн кара такты таап отурат. Мен кечтим, эчтекенин кереги жок мага, Жазираны ыйлатпай бага алабы иниң?! - деп Света чыга келди. - Ушундай шерменделиктен өткөн өлүм барбы, өлөм дейсиң коркуткуң келеби, кимди айтчы? Ушул колумдан даам сызып, кийген кийимиң бекер болгон кезде көптүң го?!

- Кечириңиз, апа?

- Сенин эмес, кызымдын кадыры, Жазиранын кадыры!

- Кудагый, рахмат сизге, - деди Бекболу ийиле калып. - Тил билги адамсыз да, - деп Турсунду карады. - Сен бара бер, иче турган ашыңа какырба да түкүрбө деген, сен суу иччү кудугуңа түкүрүп арамга айлантыпсың, - деди орой. Турсун ордунан туруп, башын жерге сала чыгып кетти.

- Турсунду атасы экөөбүз тең өз балабыздай көрүп, өз оюна келгенин жасап жүрүп ушул болду. Эми өткөн нерсени козгомок эмесмин, көргөндө ачуумдун келгени ушунчалык болду, - деп Света келгендерди дасторконго чакырды. Чогуу отуруп тамактанышты. Убакыт деген улуу нерсе эмеспи, көзгө илээшпей өтө берет.

- Кудагый, билбестиктен уу ичет болупсуңар, даамыңарды бир келип таттык эле, биз анысын билбедик. Өзүңөр айткандай, жигиттин өлбөгөндө эмнеси калды, аялы дароо эле кызын алып кетип калды, иниси болсо жүзүңдү карабайм деп отурат.

- Алдындагы машинасы дагы биздики, билинбей калат деп ойлодубу? Биз канча азап тарттык, ал аш кылып кетем деп ойлогон го?

- Жеңе, мен дагы кызымды бербейм. - Толкунбек Жазираны карады. - Уктуңбу, кызым, дөөдөй-таштай адамдарды сызга отургузуп кеткен неменин иниси бизге жакшылык кылабы? Окууңду таштап, айылга кетесиң, - дегенде Жазира шолоктоп ыйлап ийди:

- Жүрсүн андай эмес, мен эч кайда барбайм.

- Кызым, - деди Нурийла, - сенин көз жашыңа арзыйбы ошол бала, өзүңдүн кийинкиңди ойлосоң боло?

- Баары бир мен башкага барбайм.

- Куда, кудагый, биз мынчалык сынып көргөн жок элек, алдыңыздарда айыптуубуз, мал-жаныбыз тартуу. Бир жакшыны, бир жаманды төрөйт экен эне, эне үчүн экөө тең бала, дүнүйөдө энеден мээрман, энеден боорукер, энеден кең пейил эч нерсе жок. Аял эне, силердин жүрөгүңөр ташты эритет, алдыңарга башыбызды ийип келип отурабыз, өз бүлөбүздү бергиле, - деди баятан бери үндөбөй отурган Шерикбай.

- Макул, - деди Толкунбек. - Өз үйүмдөн барып алып кетесиңер, тойду өткөрүп, ошол үйдөн сөйкөнү салып, анан алып кеткиле, - деди кызынын көз жашын көлдөтүп турганына боору ооруй. - Ушуга макул болсоңор мен макулмун!

- Ап баракелде, куда, биз дагы макулбуз, келинибизди ойдогудай кылып алып кетебиз. Эмесе бизге бата, - деп Бекболу алакан жайганда Света:

- Таздын көөнү болбосо да кыздын көңүлү деген экен, мен сиздерди, Турсунду сыйлабасам да кайнимдин кадыры, күйөөмдүн арбагы үчүн даам татып кеткиле, тамак асып койдум, жай алып чоң үйгө киргиле, - деди.

- Туура, кириңиздер үйгө, - деп Толкунбек аларды экинчи кабаттагы конок бөлмөгө алып кирди.

Дасторкон үстүн баятан бери даярдап койгон эле, эмне гана жок, көз жоосун алган таттуулардан баштап жер жемиш, өрүк-мейиз... Төргө чыгып, импорт отургучтарга отурушкандан кийин аркы-беркини кобурашып атышты. Гүлина эч нерсе менен иши жок, телевизор коюп, кино көрүп, жанына анар менен бананды коюп алып, диванда жаткан. Жазира улуу кишилер менен отургандан тартынып, анын бөлмөсүнө башбакты:

- Гүлү эже, кандайсыз?

- Кел, кайдан жүрөсүң?

- Мындай эле…

- Күйөөңдөн баса бердиңби?

- Атамдар алып келе берди.

- Сүйлөшүп жүрдүң беле?

- Ооба.

- Өзүң эле чечсең болмок.

- Айылдагы үйдөн алып кетмек болушту.

- Ошондойбу? - деп каштарын керип койду.

- Ооба.

Андан кийин Гүлина унчукпай телевизорду карап жатып алды. Жазира анын жанында кино көрүп отурганда Гүлина кайра ага карап:

- Кай жерлик экен? - деп сурады.

- Ысык-Атадан.

- Аа-а, - деп койду. - Байка, аферисттерге кабылып калба.

- Андай эмес го?

- Иши кылса жаңылып калба.

- Эже, сиз сүйдүңүз беле?

- Сүйгөм?

- Кайда ал сүйгөнүңүз?

- Бүгүн келет го деп турам.

- Жезде менен таанышат турбайынбы?

- Буйруса.

- Ал дагы сизди сүйөбү, эже?

- Ооба, аябай сүйөт.

- Ата-энеси барбы?

- Апасы бар.

- Каякта жашайт?

- Шаарда турат.

- Байбы, эже?

- Мага анын байлыгынын кереги жок.

- Деги айтам да, сизди сүйгөн жигиттин кандай экенин көргүм келет.

- Эмне кызыгы бар?

- Жөн эле, сиз аябай сулуусуз.

- Ыраспы?

- Чын айтам. - Экөө сүйлөшүп отурганда Нурийла кирди:

- Гүлү, кандай?

- Жакшы.

- Сиңдиң экөөңөр сүйлөшүп отурасыңарбы?

- Ооба.

- Эмнеге өзүң чыгып агаларың менен учурашпайсың? - деген Нурийла катар отурган Гүлина менен Жазираны таңгала карап: "Тобо, тууган болсо эле ушунча окшош болобу, бир туугандай болуп калат экен, кокусунан Толкунбектин кызы эмеспи бул? Кантип эле ошондой болсун, Света жеңе андан бир топко улуу да, эмнеге мынчалык окшош?" - деп ойлонуп кайра чыкты.

Анан Гүлина ооруп жатканда Толкунбек кайра-кайра шаарга каттап: "Гүлина ооруп калыптыр, кан бербесек болбойт", - деп Баатырбекти кошуп алып кеткенин эстеди. "Демек мында бир иш бар тура, мен мурун байкабаптырмын", - деп Толкунбекке жини келип алды. Эртеси Жазираны айылга алып кетишти, кудалар менен эки-үч күндөн кийин эле барып алып кетмек болуп макулдашып коштошушту. Алар кеткенден кийин Света катуу ойлонуп, ыйлап да алды: "Акмак, заңгыратып үйдү салып, аялды алып жашап жатканын, кудай жазаңды бергир. Кызымды сүйөм-күйөм деп ичи-койнубузга кирип, байлык үчүн жанын садага чапкан тура шүмшүк". Анан негедир Элмуратты ойлоду. "Жалгыз кемпир өстүргөн бала, өтө жетишип кетпесе да алынча чоңоюп ачкөздүгү жок, байлыкка умтулбаган жакшы бала. Кызымдан кетип калды, эми эмне болот, эки аялдын ортосунда жүрө береби? Эптеп бирди төрөп алса мен эрмек кылып, багып алайын да, муну бир жакка жөнөтөйүн", - деген чечим чыгарды.

Элмурат болсо эки күн келе албай калды. Кайната-кайненеси, эже-жездеси, ага-жеңеси болуп, жети-сегиз адам союш алып, небересин көргөнү келишкен. Аларды коноктоо оңойго турган жок, Гүлина берген акчанын пайдасы эми тийди. Үчүнчү күнү кайын журтун жакшылап узатып коюп, анан жумушуна барды. Кечке иштеп кечке маал жумушунан чыкканда Алмашка телефон чалды.

- Алло, Алмаш, мен бүгүн товар менен Алматыга кетип жатам, эртең кечинде келем, кабатыр болбогула.

- Макул, өзүңө сак бол.

- Жарайт, уулумду жакшы кара.

- Макул, Алматыдан белек-бечкек ала кел.

- Жарайт, - деп телефонду басты да: "Байкушум десе, ишенип калды, качан ачыкка чыгып ызылдашып кетээр экенбиз? Өзүмдү токтотуп барбай койсом болот эле, ушинтип жүрүп экөөнөн тең жок калбагандай элем", - деп Гүлинага жетти. Ал келгенде Гүлина сыртта жүргөн:

- Келдиңби? - деп мойнуна адаттагыдай эле асыла кетти. - Качан келбей калаар экен деп чочулачу болдум.

- Эмнеге?

- Үй-бүлөң бар, мен эртең врачка көрүнөм, Элмурат, эгерде боюмда бар экени чын болсо анда экөөбүз коштошобуз.

- Койчу, ошентип чечтиңби?

- Ооба, өзүмдү да, сени дагы кыйнай бергенде эмне…

- Алтыным десе. - Элмурат аны бооруна кысып көпкө турду. "Неге кетирдим экен, экөөнүн убалына калбай муну менен жашай бербейт белем. Мунун да жүрөгү бар го, эми кантем, бул кет десе да, кете албайм го", - деп ойлогончо ээрчише үйгө киришти. Алар кирип баратканда дарбазанын жанына машина токтоп, коңгуроо басылды. Элмурат барып ача койсо бир жигит туруптур, учурашты да:

- Бул машинанын ачкычы, берип жиберди, - деп ачкычты берип, дагы бир пакетке салынган бирдемени карматты.

- А бул эмне?

- Ачып көрөсүңөр.

- Макул, - деп Элмурат машинаны Гүлинанын машинасынын артына киргизип коюп, үйгө кирип Светага берди. Света дароо түшүндү, Турсун уурдаган эки миң долларды берип жиберген экен.

- Элмурат, муну сен керегиңе жаратып кой, - деп миң долларды бергенде ал чочуп кетти.

- Эмнеге, апа?

- Ансыз да жок акча, балам, - деп койду ал. - Керегиңе жарата бер.

- Апа, машинаны Элмурат айдай берсин, күбөлүгү бар эмеспи, - деди Гүлина Светаны карап.

- Мейли, кызым, өзүңөр билгиле, ансыз деле тура берип дат басып кетет.

- Гүлү, койсоңчу, мен буларды кантип аш кылам?

- Ала бер, балам, унаа күтпөй келип-кетип турасың, - деп кайдыгер унчукту Света. Ал ушул учурда зээни кейип: "Жараткан ай, бир балам болгондо эмне, үй-жайдын баары ошого калат эле. Гүлинам жакшы күйөөгө жолукса кана, муну колдон чыгардык. Надырбектин тапканы чачырады го байкуш, өзүнүн да арманы башынан ашып жашап өткөн экен", - деп ичинен сызып отурду. Үчөө отурганда Ысман кирип келди.

- Оо, кандайсыңар?

- Кел.

- Келиңиз, - Элмурат тура калып учурашты.

- Келдик, жакшы чогуу экенсиңер, - деп Ысман Светаны бир карап алып, анын катарына отурган соң сөз баштады. - Гүлү, кызым, сен уруксат берсең Света экөөбүз баш кошуп алалы…

- Өзүңөр билгендей кыла бергиле.

- Ыраспы, айланайын? - Ысман кубанып кетти. - Сенден коркуп жүрдүм эле.

- Эмнеге, апамды жалгыз калат деп мен аяйм, апам мени аяйт, айла канча көп бир тууган болгонубузда биз да бапырап отурмакпыз, апамды неберелери эриктирбейт эле… - деп Гүлинанын көзүнө жаш тегерене түштү.

- Сен балалуу болсоң ошол мага эрмек, каралдым, көп ойлоно бербечи, садага, - деп Света кызын карады.

- Көп капалана бербе, кызым, - деди Ысман дагы.

- Ойлонгондо-ойлобогондо эмне, жалгыздык жаман экен, атам да артында уул бала жок арманда кетти. - Гүлина туруп өйдө көтөрүлдү, анын артынан Элмурат кошо жөнөдү. - Ушундай болоорун билгемин, Элмурат, апам менден тартынат, мен эмне демекмин. Башка балдары болсо анда апам дагы аны жолотмок эмес, менин тагдырым минтип таңгалыштуу жашоодо турат. Эмне кылабыз анан, айла жок кудайдын маңдайга жазганын көрүүгө аргасызбыз.

- Гүлү, капаланбачы, мен эч качан сени таштабайм, көрөсүң го, ар дайым жаныңда болом, - деп Элмурат анын жашын аарчып көздөрүнөн өптү. - Мен сени эч качан таштабайм, экөөбүз бактылуу жашайбыз.

- Ырас айтасыңбы, Элмурат, мени чын эле таштабайсыңбы? - Көздөрү жалжылдай түштү. - Мени менен түбөлүк бирге болосуңбу?

- Албетте. Бир өмүр бирге болобуз! - деп Элмурат Гүлинаны өпкүлөй берди, бул учурда экөө тең бактылуу болуп турушту. Элмурат чындап эле Гүлинаны аяп кетти, өзүнүн да жалгыздыгын, жашоонун жакшы жагына ыкташы керек экенин эми гана түшүнгөндөй болуп турду. Гүлина кубанычтан ыйлап ийди. Экөө ошентип сүйлөшүп алып, эртеси мечитке барып, нике кыйдырмак болушту, төрөлө турган баласы никесиз болуп калбасын дегени эле.

Эртеси Элмурат машинасын айдап чыгып жумушуна келди да, жооп алгандан кийин кайра келип, Гүлинаны салып кетти. Мечитке барып нике кыйдырышты да, кафеге киришти. Экөө тамактанып отурганда аны Алмаштын жездеси көрүп калды. Байкатпай жанына келди да:

- Элмурат, сенде сөзүм бар эле, - деди.

- Аа-а, кандайсыз, азыр, - деп тура жөнөдү.

- Бул ким?

- Бирге иштейбиз, жезде.

- Ошондойбу, көзүңдү ачып жүр, бажа.

- Эч кам санабаңыз, баары жайында, - деген Элмурат Гүлинанын жанына келди.

- Бул ким?

- Тааныш.

- Аа-а, - деп күлүп койду Гүлина. Кечке эки жакта сейилдеп жүрүп, анан кечинде Гүлинаны үйүнө жеткирип коюп, өз үйүнө келди. Ал дарбазаны ачып, машинаны эшиктин алдына киргизгенде Алмаш чыга калды.

- Кайдан, жолдуусуң го?

- Айтпа, абдан жакшы болду, машиналуу да болдум, - деп үйгө кирип, апасына: - Апа, менин айдоочулук күбөлүгүмдү алып койчу, - деди.

- Ийи, аны эмне кыласың, балам?

- Машиналуу болдум.

- Болсун, - деп ойлонуп калды: "Чунак балам ай, Гүлинага биротоло байландың окшойт, эми эмне кылам, анысынын да боюнда бар деди эле". Алмаш жаман ойдо болгон жок, баары жаткандан кийин Элмурат акчаны апасына каттырып, ордуна келип жатты.

- Элмурат, Алматадан эмне алып келдиң? - деди Алмаш эри жанынан жатаары менен.

- Жанымда кишилер бар да, дүкөн-базарларга кайрылганга мүмкүнчүлүк болбоду, мына бул акчага эртең каалаганыңды алып ал.

- Ой иий, көп го?

- Иштеп келдим да.

- Бир суткада ушунчабы?

- Бул эчтеке эмес, мындан ары Алматыга каттамай болдум.

- Эмнеге?

- Иш ошондой болуп жатат.

- Өзүң бил. - Алмаш унчукпай калды.

Турсун үйүндө соксоюп жалгыз калган, уятынан эшикке чыгалбайт. Аялына кайра-кайра барса дагы эч болбой койду. Анын атасы врач болуп иштейт, апасы мектепте мугалим. Бир күнү күүгүмдө дагы барды.

- Ата, мени кечиргиле, Жанарды алып кетейин, - деди башын жерге сала.

- Ушунчалык да жеңил жигит болобу, бирөөнү алдаганды биз үй-бүлөбүз менен жактырбайбыз, - деди Артык ачуулуу.

- Кечириңиз, ата, кызымды да сагындым, мени каталыгымды кечириңиздер, - деп ыйлап отуруп алды.

- Биз кайдан билебиз, жашоо экөөңөрдүкү, - деп Лариса дагы аны жаман көрө туруп кетти. Бир кезде аялы Жанар келип:

- Кайсы бетиң менен келдиң, ошол үйгө эми барбайм, өз эмгегиң менен үй тап, анан жашайм, - деди.

- Жанар, кечир мени, кыш чыкканча туруп туралы, анан үй таап, чыгып кетебиз.

- Дагы жакшы аял экен, мен болгондо түрмөгө тыкмакмын.

- Койчу эми, кечирим кой деп жатам го?

- Кечирбейм, сенин кандай адам экениңди билип туруп, кантип жашайм, айтчы?

- Кызымды көрсөтүп кой жок дегенде.

- Кызың бар экенин унут.

- Антпе, кызым, - деди Артык. - Анчалыкка барба, ал дагы ата.

- Ушунуку жакшыбы, ата?

- Болсо болот да, бири-бириңди кечирип-түшүнүп көргүлө.

- Мен түшүнө албайм, экинчи бул үйгө келбегин, аял алганыңды айткан эмессиң, анан дагы арамдан тапкан оокат менен багасыңбы бизди? - деп кирип кетти Жанар.

Кызы Айсулуу басып калган, Турсун отуруп-отуруп, анан кайра үйүнө жөнөдү. Келип жатып алып, Светаны өлтүрүп койгусу келди. "Азыр кызы экөө жалгыз чыгаар, мени ким билмек эле, экөөнү тең өлтүрүп туруп, өзүмдү да өлтүрөм", - деп да ойлоду. Бирок ага да даабай, түнү бою уктай албай жатып, эртеси үйдү таштап батир таап, көчүп кетти. Бул кезде Толкунбек Света менен Гүлинаны тойго чакыртып ийиптир. Гүлина барбайм деп чыкты, апасына Элмуратты алып барып кел деди. Элмурат баш тарта албай Гүлинаны көндүрдү да, үчөө тойго барышты. Ошол жерден Света сот аркылуу үйдү Жазиранын наамына котортуп бермек болду. Той жакшы өттү. Жазира менен Жүрсүндүн курсташтары, курбулары келип, оюн-күлкү менен кыз-күйөөнү узатышты. Светаны абдан жакшы сыйлап коноктошту. Шаарга келгенден кийин Света атайын өчөшүп, сотко берип, Турсундан үйдү тартып алмак болду. Алтургай адвокат жалдап түрмөгө отургузмак болгондо Турсун Света менен бетме-бет жолугуп, кечирим сурап, өзү өткөрүп бере турганын айтты. Света соттотуудан баш тартып, тынчтык жолу менен бүтүргөнгө көндү. Толкунбек менен Нурийла үйлүү болгон кызына үй эмеректерин алып беришип, кыз-күйөөсүн жайгаштырып коюп кетишти. Турсун аялынан ажырап кала жаздап, кайнатасынын арты менемн эптеп жарашып жашап, жумуш таап иштеп калды. Жүрсүн агасына таарынып, такыр катышпай койду. Ошентип Турсун ичинен кек сактап, бир ыңгайын келтире албай Светанын үйүн акмалап жүрдү.

Элмурат Көлгө тойго барганда Алмаштын жеңесинин иниси көрүп калган, ал жездесине айтып келди. Агасы Туратбек аялын Алмашка жолугуп кел деп жөнөттү. Сабина эбиреген неме, ал келип кайынсиңдиси менен сүйлөшүп отурганда Дарыйка өз иши менен алек болуп жүргөн.

- Алмаш, күйөөң Көлгө эмнеге барды? - деп сурады Сабина акырын шыбырай.

- Көлгө? Аякка барганын айткан жок.

- Көлгө бир келин менен барыптыр, күйөө балабыз дешиптир го аны.

- Койчу, жеңе, кантип эле, жаңылыш болуп жүрбөсүн?

- Жо-ок, Абдылас Элмуратты кантип тааныбасын, баягыда көрбөдү беле, үйүңөргө да келген.

- Кызык, билбейт экенмин, сурап көрөйүнчү.

- Сен сураба, өткөндө жездең дагы бир кафеден көрүптүр.

- Чын элеби?

- Сени жакшынакай жашап жатсаң эле биз бузмак белек, акең көрүп-билип кел деп жиберди.

- Жеңе, жүрсө жүргөндүр, эми күйөөмө таарынып, балам менен үйгө кетейинби, акырына чейин чыдайын. Балким, алып барып кел десе кошо баргандыр, жөн эле шум көтөрө бергенде эмне, - деп койгону менен Алмаш ичинен бушайман болуп жатты. Сабина бир топко отуруп, анан кетти. Ал күнү Элмурат келген жок. Келин ичине бук толуп, ыйлап жатып, уктап калды. Эртеси Элмурат түштө тамак-аш, ун-май, эт алып келип таштап эле кайра кетти. Алмаш үйгө кирет деп ойлоп жаткан, кетип калганын билгенде ызаланып ыйлап алды.

- Ээ, балам, тиги эттен тамак асчы, - деди Дарыйка.

- Азыр, - деген менен баланы эмизген болуп козголбой жата берди.

- Балаң ыйлап жатабы, Алмаш?

- Уктабай жатат го?

- Келчи мен алайын, - деп эки колун сунуп келатканда Алмаш өйдө болуп баланы сунду. - Айланайын, берекем го ушул, балам, сен ыйладыңбы? - деп келинин чочулай карады.

- Жок, апа, ыйлаган жокмун.

- Алда-а балам ай, күйөөңдүн колу бошобой жатканга капаланып жүрөсүңбү, кагылайын? - деди кейий.

- Апа, ага капаланганым жок, түндө уйкудан калдым, ошого көзүм жабышып кетти.

- Ийи, мейли, айланайын, бөйтөңдөп эле өз оокатыңарды жасай берсеңер экен, картайганда силердин ойноп-күлүп, бактылуу жүргөнүңөр гана керек мага.

- Апа, ойлоно бербеңиз, мен эчтекеге капаланган жокмун, - деп Алмаш жайдары күлө багып, апасын жайгара сүйлөп, тамагын жасап, алдыга алып келди. Элмураттын келбегенине анча кабатыр болмок эмес, жеңесинин айтып кеткени жүрөгүн түпөйүл түйшөлтүп турду. Тамакты экөө ичип алып, эки бөлмөгө жатып калышты. Түнү бою Алмаш уктай албай ыйлап чыкты. Элмуратка чалса телефону өчүрүлгөн. Баласын которуп эмизген сайын сыртка кулак төшөп жатып, таңга маал гана уктады. Эрте турган Дарыйка Алмаштын уктап жатканын көрүп тим койду. "Жаш бала менен түнү бою уктабай чыгат, уктап алсын", - деп отун жагып, чай коюп өзүнүн жаткан жерин жыйып, плитанын түбүнө ойлонуп отурду. Жалгыз баласынын турмушу аны тынчсыздантып туруп алды. Алмаш уктап жатканда бала ойгонуп ыйлап калды эле, көтөрүп алып келди.

- Айланайын садагам, күчүгүм, көлөкөм, берекем го, ыйлаба, балам, ыйлаба, эне-атаңды кыйнаба, кунан койдун куйругун, уулума кесип берейин, талкан кууруп балама, буламык кылып берейин, ыйлаба, уулум, ыйлаба, - деп ары-бери көтөрүп, силкилдетип жатканда Алмаш чыга калды.

- Апа, ыйлап кыйнап жатабы?

- Жо-ок, кыңылдап эле көп ыйлаган жок.

- Ойготуп койсоңуз болмок.

- Сени уктап алсын дебедимби.

- Апа, мени качан төркүлөтөсүз? - деди Алмаш бир аздан кийин. - Атамдарды сагынып кеттим.

- Кыштан чыгалы, балам, Элмурат келсе сүйлөшүп көрөйүнчү, эмне дээр экен.

- Ал макул болоор бекен?

- Эмнеге болбойт, алдында деги машина турат, барып келебиз да, - деп көңүлүн улап койду. Бирок күздө төркүлөтөм деп ойлоп жаткан, Элмураттын үйгө келбей койгонуна эле барам деп жатканын түшүнүп турду. Уулуна ичинен ачуусу келгени менен аны урушуп, катуу тилдеп көргөн эмес. Кечке келини өзүнчө, кемпир өзүнчө ойго батып жүрө берди. Түш оогондо гана телефонун алып, Алмаш сыр билгизбей сүйлөдү.

- Элмурат, ишиң бүтө турганбы же бүгүн да келбейсиңби?

- Жо-жок, Алмаш, бүгүн эрте барам. Азыр шаарга кирдик, бир-эки саатта жетип калам.

- Анда макул.

- Кабатыр болбо, барып калам. - Элмурат дароо өчүрдү, ал эки-үч күндөн бери жумушуна чыккан эмес. Гүлина экөө кеңешип алып, Элмуратты өздөрүнүн фирмасына киргизмек болгон. Экөө күндө көчөгө чыгып, парктарга барып, кафелерден тамактанып көңүл ачышты. Кечке маал келген Элмураттын өзүнөн көзүн ала качканынан улам сыр билгизбей тамагын алдына коюп жаркылдап күлүп:

- Уулум, атаң катуу чарчап келди, ыйлап мазасын алба, - деп ыйлаган баласын сооротуп жатты. - Атаң сен экөөбүз үчүн талаада түнөп, катуу иштеп жатат, уулум.

- Алмаш, ошону бала түшүнүп коймок беле?

- Түшүнөт, жакшы билип калат.

- Койчу, кайдагыны айтпай.

- Мейли, ишенбесең өзүң бил.

- Үч ай зорго болбодубу? - деп кызаңдай наристесин алып отуруп калды. - Кана, уулум, күлүп койчу, күлүп койчу, уулум, - дегенде жарк этип күлүп койгон уулуна ичи эзилип көпкө эркелетти. Тамак алдыга келгенде гана апасына берди. Дарыйка Элмуратты карап коюп унчукпады, келинин көзүнчө эмне демек. Төшөк салынып, уул-келини өз бөлмөсүнө киргенден кийин жатып алып, дагы ойлоно берди. Алмаш күйөөсүнө жини келип, сүйлөгүсү келбесе да бирдемелерди сураса жооп берип коюп жатты.

- Элмурат, - деди анан жылмая карап.

- Эмне болду, мен аябай чарчадым, айта бер, - деди уккусу келбесе дагы чечинип жатып.

- Уккуң келбесе укпа.

- Койчу эми, таарына бергениң жаман, эртең дагы алыска кетем, - деди.

- Мейли, кете бер, мен акемдикине барып жүрүп келем.

- Төркүлөй электеби?

- Сен минтип жүрсөң төркүлөтпөйсүң.

- Эми чыдай турбайсыңбы, жаз чыкса барат элек да.

- Жок, мен эртең барам да, бир-эки ай жүрөм.

- Эмнеге?

- Балким, келбейм, сага ошол дурус болоор…

- Ай, Алмаш-Алмаш, мени ойноп жүргөндөй сезесиң да.

- Мейли, иштей бер, мен төркүнүмө өзүм кетем, - деп ары карап жатып калды.

Элмурат үндөбөдү.

- Эмнеге кетем деп калдың, себеби барбы? - деди көптөн кийин.

- Кетем дегеним сенин мени унутуп баратканың.

- Кандайча, сени унутуп кайда бармак элем, иштеген ишим ошондой болсо кандай кылам, Алмаш, андан башка себебиң жокпу?

- Башкы себебим сенин башка аял менен Көлгө тойго барганың.

- Эмне? - Элмурат чочуп кетти.

- Калппы?

- Көлгө баргамын, шеф карындашын алып барып кел деген.

- Анан сени күйөө катары барып кел деп суранды беле?

- Койсоңчу, Алмаш, күйөө бала эмес, айдоочу катары баргам.

- Калпты көп айтканга көнгөн экенсиң, андан көрө чындыгын айт, сенин сүйүүң бир жылдык беле?

- Жок, Алмаш, болбогонду айтып баш оорутпасаң, чарчап кыйналып келсем көп сүйлөйсүң. Бала менен кышында эч жакка барбайсың, жазда өзүбүз эл катары төркүлөп барабыз, элди билесиң да. Ата-энеңе да сөз тиет, койчу эми, алтыным, кайдагы бир ушактарга алданып, өзүңдү жеңил кылбачы, - деп кучактап өпкүлөп, таарынычын жазууга аракет кылды.

- Элмурат.

- Эмне болду дагы?

- Сен бир гана жолду танда, мен билем сенин дагы бирөөң бар экенин…

- Эмне, ойдо жокту айтат экенсиң.

- Моюнуңа алсаң эч жакка кетпейм.

- Жалганды мойнума кантип алам?

- Жалган дебе, моюнуңа алышыңды үч күн күтөм.

- Алмаш, сен бала сыяктуусуң.

- Чынында эле баламын, он тогуз жаш эмне ойноо курак, али ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойо элегимде сенин үйүңдө бала багып, сени күтүп күн өткөрүп жатам.

- Макул-макул эми, мындан ары жиберген жагынан баш тартып койомун да, сенин жаныңда болом, макулбу, жаным, балким кышы бою иштебей эле койормун?

- Ал өз ишиң.

- Машинанын мага ишеним менен берип жатпайбы, аны да тапшырайын анда.

- Иши кылса баары өз колуңда, үй-бүлөңдү сактап калгың келсе баарынан баш тартышың керек, бир гана жумушту шылтоо кылба. Сен бай аялга азгырылып жүрөсүң, өз жолуңду өзүң гана таап, тагдырыңды өзүң чечүүгө тийишсиң! - Өйдө болуп, Элмуратка тигиле карады.

- Эмне деп жанды кейитип жатасың, Алмаш?

- Жан далбас кылып калпты кайталаба, мен билем. Андан көрө эки жол бар сенде, же ал же мен! - деп Алмаш кайра жатып алды.

- Көзү ачыктык жайың бар экенин билбептирмин. - Элмурат аргасы кете унчукпай көпкө отурду. - Макул, андай билгич болсоң өзүң бил, барсаң бара бер! - деди тескери карап жатып алып.

- Болуптур, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, ойношу бар эркек эр болуп жарытпайт, - деп акырын туруп, ата-энеси алып келген кийим-кечесин, өзүнө тиешелүүнүн баарын бууп түйдү да, - Жок дегенде жеткирип койорсуң? - деди.

- Эртең менен жеткирем.

- Жок, азыр, болбосо такси менен кете берем.

- Алмаш, деги сага эмне керек, мен эс алып алып, эртең эрте жумушка барышым керек. Жылан чакпай, жылкы теппей, сага эмне болду, тейтеңдебей жатып укта! - деп жини келип тура калды. Алардын үнүн уккан Дарыйка кирип келди:

- Эмне болду, айланайындар?

- Эчтеке, апа, жата бер.

- Апа, мен кетем, - деди Алмаш. - Балаңыз чындыкты айтса кетпейм, ойлонууга убакыт берем!

- Эмне дейт, карангүн, эмне болуп кетти?

- Балаңыздын башка аял менен жүргөнүн билип эле жүрөм, мен келесоо эмесмин, сизди аяп отурам. Чындыкты мойнуна алып баласы, өзү менен карганып берсин, ошондо ишенем, - деп Алмаш катуу көгөрдү.

- Алдыңа кетейин, башка аял дегениң эмнең, кантип ошентсин, балам, иштеп жатпайбы, садагаң. Караңгыда бала менен ит куугансыбай тынч жатып ал, андан көрө кеңешели, кыш болсо дагы төркүлөтөйүн.

- Жок, мен азыр кетем, болбосо каргансын.

- Алмаш, мен каргангыдай эмне күнөөм бар экен, сени түшүнүктүү деп жүрсө сен деле көп аялдын бириндей мээ чиритме тажаалдардан экенсиң да. Кыз экенинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат деген ырас экен, - деди Элмурат соксоюп отуруп алып. Үчөө үч жерде үңкүйөт. Дарыйка келинин эптеп тынчтандырмак болуп карбаластап жатты.

- Кой, балам, төркүлөтүп баралы, куданын да дос-душманы бар, эл-журту кулак түрөт. Ата-энеңди жер каратпай эл катары алып барайын, балам. Муну мен өзүм тарбиялайм, башка келиндин мага кереги жок, неберемди менден бөлбө, садага, - деп Алмашты кучактап-өөп отургузду. - Менин келиним да, кызым да өзүңсүң, айланайын, жылуу ордуңду суутуп кетем дегениңди кой. Эркек деген сырттан иштеп таап келет, сырттын адамы болот, бул таап келбесе менин пенсиям эмнеге жетет, балам? Калың алып барыш керек, кийит-кечеге канча акча кетет, эки-үч батирдин акысы кайсыга жетет, балам? - дегенде Алмаш унчукпай калды. "Мейли, калың берип чабылсын-чачылсын, анан көрөйүн, жашаса ана, жашабаса мына, эгер токтотпосо ошол бойдон келбей койом", - деген ойго токтолуп, үндөбөй тим болду. Элмурат ого бетер өчөшүп калды. "Аялдын баары эле бирдей тура, мен Гүлинадан ажырап бекер кылган экенмин, эгер мен аны кет дебесем оорумак эмес. Ошонун баарына мен күнөөлүүмүн, кетсе кете берсин, мен аны үйгө алып келип алам", - деп терс караган бойдон жатып алды. Эртеси эрте туруп, жумушуна кетип баратып:

- Бүгүн мени күтпө, сени төркүлөтүш үчүн канчалаган акча керек, шефтин тапшырмаларын аткарбасам, кайдагы акча? - деп коюп чыгып кетти. Үндөбөй кала берди Алмаш. Ал телефон чалып, жеңесине сүйлөшүп, кийим-кечеси менен бир топ буюмун берип жиберди. Аны Дарыйка билген жок, ал эрте туруп, Светага кеткен.

Дарыйка келгенде Света менен Ысман чай ичип отурган.

- Келиңиз, кудагый, - деп ыңгайсыз ордунан тура калды.

- Келдим, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Макул, кириңиз үйгө.

- Жок, эшиктен эле сүйлөшөлү.

- Сизди угуп жатам.

- Менин келгеним Элмуратты эми жолотпой эле кой дейин дегемин, айланайын. Гүлина мурда кетпей койсо болмок, эми келиним угуп-билип алып, кетем деп жатат. Өзүңдүн башыңда бар жалгыздык, мен дагы жалгыз баламды ара жолдо калбасын деп корком.

- Аны балдар өздөрү билет, кудагый, мен эле ошолорду жашыруун жашасын деп жүрөт дейсизби, жаман-жакшы айтышканда эмне? Элмурат кыйын күндө жардам берди, ооруп жатканда жанында болду. Жүрүңүз үйгө кирип, жай сүйлөшөлү, - деп Света болбогон оюна койбой Дарыйканы ичке алып кирди. - Сиздин да, менин да жалгыз балабыз бар. Сиз дагы кийин кор болбосо экен деп ойлойсуз, мен дагы көзүм өткөн кезде кызым жакшы адамдын, ишеничтүү кишинин кароосунда калса дейм, же жалганбы, кудагый? - деп күлө карады.

- Аның ырас дечи, агымды-көгүмдү чачып алдым эле, неберем бар, кайра-кайра балам дагы үй которо берсе эмне болот?

- Кам санабаңыз, кудагый, отуруңуз, чай ичели, мен тамак жасайын, жай отуруп, кеңешели, - деп конок бөлмөгө киргизип, алдына баарын койду. Килтийген семиз эттен тамак жасап келип, Ысман үчөө тамактанып отурушту. Дарыйкага болбой импорт коньяктан куюп отурганда Дарыйка үй ичине сарасеп салып: "Эмне экен, ырас эле балам мындай заңгыраган үйдө жашаса болбойбу? Боюнда бар деди эле, төрөп берет, жашаса жашай берсинчи, эмне болсо да көрдүм", - деген ойго келди. Кетип жатканда Света анын чөнтөгүнө акча салгандай болду.

- Ботом, тим эле койсоң боло, - деди Дарыйка.

- Кудагый, мен кызымдын экинчи аял болуп, аялы бар эркек көзүмчө келип, түнөп кетип жүргөнүнө кайыл болуп олтурам. Ошол уулду сиз төрөп коюпсуз, эки аял менен жашап жаткан уулуңуз өзү чечет ким менен калаарын, сиз экөөбүз кайдан, - деп күлүп-жайнап узатып койду.

Дарыйка жолдон чөнтөгүндөгү акчаны алдырып ийбейин деп, кармап көрсө көптөй көрүндү. Маршруткадан түшөөрү менен алып санаса миңдиктен туура он экен. "Кудай уур, бир салганда он миң салат, булар чириген эле бай, жалгыз кызынан башка карманаар эч кимиси жок. Демек Гүлина менен жашаса балам дагы эчтекеден кор болбойт", - деген ойго токтолду. Үйгө келсе Алмаш тамак жасап алып, күтүп жаткан экен:

- Кайда кетип калдыңыз, апа?

- Аа-а, балам, сени төркүлөткөнгө акча издеп жүрдүм, - деп калп айтканына өзү уялгандай жүзүн үйрүй отура кетти.

- Убара болупсуз да, - деди Алмаш чындап боору ооруй.

- Антпесек болбойт да, балам, азыр бир эле кийит он миң сом турат экен, күйөөң ошого жанталашып, күндөп-түндөп жүрөт.

- Анчалык кыйналбай эле коюңуздар.

- Ошо кантип болсун, балам, куда-кудагыйдын урмат-сыйы ошондо да.

- Мен төркүлөбөй эле бара бербейинби, апа?

- Кой, ботом, каада-салт менен эле алып барам.

- Апа, көп кыйналбаңызчы, мен жок дегенде эртең акемдикине барып келейин, сиз капа болбоңуз.

- Кой, балам, барсаң баланы мен алып калайын, кечке келип каласың, суукта бала үшүп калат, - деп Дарыйка макул болбой койду.

Ал чынында Алмашты кетиргиси деле келбейт, ыймандуу дурус келин, өзүнө карамдуу. Баласын да кыя албай аргасыз карыган кезинде көр дүйнөгө азгырылып, кийинки жашоосун ойлоп, тим коймок болду. Дүнүйө-байлык кимди гана жолдон чыгарбаган. Заңгыраган эки кабат үй, эшигинин алды жалтырап таптаза, жашыл арчалар катарынан тигилип, кең короосу, алма-өрүгү, кемеге-очокторун өзүнчө үйдөй жасатып койгонун көрүп кызыгып алды. "Буйруса баары уулумдуку болот экен да, Света айткандай балам эркек экен, бир эле убакта эки аял менен жашап. Аны да колунан келгени жасайт", - деп компоюп алды.

Элмурат үч күн бою келген жок. Гүлиналардын фирмасына кирген. Фирманын ишин үйрөнсүн деп, Эрмектин жардамчысы кылып койгон Света. Күндө Гүлина экөө ошол жерде документтер менен компьютерде отуруп кайтышат. Элмурат өзү жөндөмдүү болгондуктан, бир айдын ичинде үйрөнүп алды. Алтурсун Эрмекке билбеген жерин үйрөтүп, фирманын алдыга озуп чыгуусуна, продукциянын өтүмдүүлүгүн жогорулатуунун жолдорун изденип таап чыга баштады. Тажрыйбалуулардан дагы ашып түшүп, анын ойлоп тапкан продукциясы өтүмдүү боло баштаганда Эрмек аны сыйлап калды. Ошентип ал фирманын ишин жүргүзгөнгө кадыр-баркка алынып, бат эле Эрмекке жакты. Гүлинанын ичи билинип, тамакты тандап ичип, экөө ар дайым кафе-ресторандан тамактанат. Жыргалдуу жашоонун даамын таткан Элмурат үйүнө такыр келбей калды.

Он күндөй өткөндө келди. Дарыйка эшикти ачып:

- Кайда жүрөсүң, уулум? - деди кабатырлана.

- Жумуш, апа.

- Жок дегенде тез-тез келип турсаң боло?

- Келбедимби, - деп ички үйгө кирип, алып келгендерин койду. - Алмаш, уктадыңбы?

- Жок.

- Тур, менин эмне алып келгенимди көрчү, Кутуга йогурт алып келдим, сага банан, алма-жүзүм, баары бар, апам болуп чогуу ичели.

- Башым ооруп жатат.

- Койчу эми таарынбачы, менин кардым ачты, апама набат алып келгемин, чогуу чай-пай ичеличи, - деп торолуп калган уулун көтөрүп алып, оозгу бөлмөгө чыгып кетти. Дарыйка өзү дасторкон жайды. Чай куюп коюп, өзү Алмашка кирди.

- Алмаш, тура гой, балам.

- Азыр, апа. - Алмаш аргасыз ордунан туруп келди.

- Уулума йогурттан берчи, кана-кана, уулум, күлүп койчу, атаңдын күндөп-түндөп иштегенин сен түшүнөсүң ээ? - дегенде Алмаш жарылып кетти.

- Жетет, сенин оюнуңа чыдап бүттүм!

- Алмаш, сен эмнеге минте бересиң? - Элмурат билмексен боло карап калды.

- Ушунчалык да акмак болосуңбу, мен адаммын, темир эмесмин, уктуңбу, эми чыдай албайм! - деп ыйлап кирди. - Сүйөм-күйөм деп алып алып, эми ара жолдо таштагың барбы, мени кордогонуңду качан койосуң, же менден жакшысын таап алсаң жолумду тоспо!

- Алмаш, акырын кыйкыр, батирчилер угат, эмне болуп жатканыңа түшүнсөм кудай бар, эсиңди жыйчы!

- Акыл-эсим ордунда, мени жеткирип кой, мындан ары бул үйдө туралбайм!

- Кой, балам, урушупагыла, айланайын, - деген Дарыйканын сөзү текке кетти.

- Кереги жок, мен эми турбайм! - деп булкуна ордунан туруп, кийим-кечесин алды да: - Келе баланы, кетем! - дегенде Элмурат:

- Баланы үшүтөсүң, бербейм! - деди. Колунан жулуп алмак болду эле, Элмурат аялын жаакка чаап жиберди. - Эмне, сага бала төрөп алып, күйөөдөн кетиш керекпи, андай болсо жолдон төрөп албайт белең, бул менин балам, өзүмдө калат! - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Ай балам ай, эркек деген ошондой болот, кечигет, кеч келет, түнөп калат, илгертен бардык аялдар ошого чыдап жашап келет, чыдап турсаң баары жакшы болмок.

- Кача-ан, качан жакшы болот, балаңыздын келбегенине чыдап күтүп, жашай берейинби? - Отура калып ыйлап жатты Алмаш. Эне көпкө чейин акыл-насаат айтып отурду. Үнсүз ыйлап отурган Алмаш күйөөсүнүн жанына барбай кайненесинин жанына жатып алды. Дарыйка канчалык айтса да болбой койду. Баланы жанына алып, уктап калган Элмурат качан бала ыйлаганда туруп көтөрсө да болбой айласы кетип жатканда гана Дарыйка кирип өзү алды.

- Сийип алган го, каралдым, сен уктай бер, балам.

- Мейли, - деп кайра жатып алды. Алмаш унчукпай баласы ыйлаганын укса да уктамыш болуп жата берди.

Эртеси Элмурат унчукпай кетип калды. Ал кеткенден кийин Дарыйканын ыйлап тоскоол болгонуна карабай Алмаш үйдөн чыгып кетти. Элмурат бир ойго келе албай, кечинде үйүнө келсе Алмаш жок. Дарыйка үндөбөй отура берди.

- Апа, кеттиби Алмаш?

- Кетти.

- Өзү билсин, мен дагы кыйналып кеттим.

- Өзүңдү-өзүң кыйнабадыңбы, балам, неберем болпоюп чоңоюп калды эле, тун балаң өзүңдөн алыс өсүп калат эми.

- Алып алам.

- Бермек беле?

- Көрөсүң, алып келип берет.

- Эмнеси болсо дагы аман болчу, каралдым, - деп Дарыйка үшкүрүнө дасторкон жайып, чай-тамагын алып келди.

- Эмне кылайын, апа, Гүлинанын да көңүлү калып жатпайбы, анын үстүнө эч кимиси жок, апасы экөөнөн башка, аларга карап туруп боорум ооруйт. Гүлина экөөбүздүн ЗАГСыбыз да кыркыла элек эмеспи.

- Өзүң азапта калып, кийин балаңдан сынбасаң болду, балам. Мынча ыза болуп кеткен неме балага терс жактарыңды айтып, көңүлүнө уютуп койсо ал бала сени жек көрүп чоңойору бышык.

- Чоңойгуча өзүмө алам, апа.

- Гүлина кабыл алмакпы, менин болсо канча жашоом калды ким билет, сен бир жаңсыл болуп, көңүлүм тынып калса жакшы болот эле…

- Кам санаба, апа, ойдогудай болот, кудай буйруса, фирманын ишин үйрөнүп алсам жашоо ойдогудай жашайбыз, апа. Гүлина жакшы болуп калды, ал мурдагыдай эмес, токтоо болуп баягы ит кыялы калган.

- Эми көрөбүз, балам, кайын журтуң да келип калабы…

- Эмнеге келмек эле?

- Ыйлап-сыктап барса сенден сурап билүү үчүн бир келишет.

- Келсе келе берсин, - дегиче болбой эшиктен дарбазанын кагылганы угулду.

Элмурат чыга калса кайнагасы, кайнежеси менен жеңеси үчөө кирип келе жатыптыр. Алардын артында Алмаш.

- Келиңиздер.

- Ийи, баатыр, үйдө белең?

- Кайда болмок элем?

- Суроосун кара, - деп кекете ичке киришти.

- Келээрибизди билген го? - деди кайнежеси Айнаш жаман көзү менен карай.

- Эмне болуп кетти, үйүм болгон соң келем, жумушта иштейм, сиздерге эмне болду, келбей жатып, - деди Элмурат дагы жини келе.

- Кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп, анан айтып жатканын кара. Кандай бүгүн үйдө болуп калдың? - Алмаш ага үтүрөңдөй карады. Аңгыча үйгө кирип келишти.

- Келгиле-келгиле, кудалар, - деп Дарыйка ордунан тура калды.

- Келдик, кудагый, буларды ары же бери кылалы деп келдик, - деди агасы Туратбек отуруп жатып.

- Эми, айланайын, Алмашта деле күнөө жок, балалык кылып жатышат, жашоо оюнчук эмес, чыдап-күтө бил деп айтып эле жүрөм, - деди Дарыйка күнөөлүүдөй.

- Кудагый, бүлөнү да бүлөдөй кылып караш керек, карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет дегендей көрүнгөндөн күйөө балаң тигил жакта жүрөт деп кеп угуп калдык. - Эжеси Айнаш чоюштай сүйлөдү. - Андай кереги жок болсо кордотуп таштап койгудай жалгыз жарым эмес, арка болоор ага-инилери, жөлөк болоор эжеси, аска тоодой болгон ата-энеси, төркүн-төсү бар.

- Арка жөлөгү жок деп, анан чогулуп келдиңерби, айланайын, жалгыз болсо да жанында мен бармын, тууган-уругу кудайга шүгүр. Алмашка мен эчтеке дегеним жок, отурган кыз орун табат, унчукпай отура бер, кайда барат эле деп канча айттым. Андай эле баламдын жалгыздыгы күнөө болсо кылаарыңарды кыла койгула! - деди Дарыйка ачуусу келе. - Бүлөмдөй эмес, өз кызымдай эле карап отургам.

- Сиз деп жашадым бир жарым жылдан бери, кандай эле билбей калдыңыз, үйгө келбейт, келсе эки-үч күндө бир келет. - Алмаш ый аралаш сүйлөдү.

- Элдей болуп базарга чыгаар эч кимибиз жок, күндө май чайнаткан ким, балам, же бир тузуң кемиген күн болдубу? Чалкалап жатып кардыбызды сылагандан башка жумушубуз барбы? Бул иштебесе баланы баксын, сен экөөбүз базарга чыгып соода кылалы.

- Кудагый, үй-бүлөсү болгондон кийийн багат да, сиз балаңызды урушкандын ордуна кайра жактап жатпайсызбы? - деди Сабина.

- Балам тарбиясыз бирөөлөрдөй болсо айтаар элем, менин балам айттырбай билет. Көп сүйлөбөй силерге кулак төшөйүн, айланайын. Менин кетирген келиним жок, өз оокатын кылам десе мына үй, эчтекеден кемиткен жокпуз, кийем дегенин кийип, ичем дегенин ичип отурат.

- Кудагый, - деди Туратбек, - ырас жаш эмеспи, кетсе кеткендир, бирок биз кулак укса курсак кайнаганда келип отурабыз. - Элмуратка карады. - Кана, Элмурат, өзүң эле айта салчы, жашайсыңарбы же бүттүбү?

- Мен Алмашка эмне дедим, өзү кеч келесиң деп эле сүйлөнө берет, жумуш ошондой деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бар күнөөм жаакка чаап ийгеним, менден эмес, Алмаштан сураңыз. Жашабайм десе зордоп алып кала албайм, мен аялды алып эле ажырашуу үчүн алган эмесмин, - деди Элмурат жер карай.

- Мен жашабайм, күндөп-түндөп иштеп жүрөм деп жүрө берсе мен энесин кайтарып отура беремби? - деп Алмаш айтканда Дарыйканын ачуусу келди.

- Балам, сен анда бүгүн келин жоолугун салып алып, кайра эртеси базарга чыгарып, күйөөсү темтейип жумуш таппаган жерге барсаң болмок экен, - деди. - Түшүндүрүп айттым эле го, бул иштебесе акча кайдан болот, эт-аш кайдан болот деп.

- Кой, кудагый, болбойт экен кетели, дагы ойлонуп көрүшөөр, сизге да кыйын, түшүнүп турабыз, - деп оозун таптап келаткан Алмашты тыйган Туратбек өйдө турду. - Баскыла кеттик.

- Алмаш, ойлонуп көр, - деди Элмурат.

- Ойлонуп бүткөм, - деп Алмаш баласын көтөрүп алып, алдыга чыгып кетти.

- Балам, ойлонсоң болмок, - деди Дарыйка дагы. Сыртка чыккандан кийин Турабек Алмашка кайрылды.

- Сен туура эмес кылдың, кайненең туура айтат, эчтекеден кем болбосоң, үйдө отурсаң балаңды багып, кийген кийимиңди кара. Ал иштеп таппаган неме болсо анда дагы ыйлап жүрмөксүң.

- Эми кайра таштап кеткени турасыңбы, кеттик айда, - деди Сабина күйөөсүнө. Алмаш оюнда Элмуратты жалынып-жалбарат деген эле, бирок ал унчукпай койгондо жини келип өкүнүп турду. Ошентип жаңылыштыгына ал өкүнсө, ыр-чырсыз ажырашканына Элмурат сүйүнүп, бирок баласына ичи ачышып кала берди. Эне бала соксоюп көпкө үнсүз отурушту…

- Эмне кылайын дейсиң эми, балам?

- Келсе ана, келбесе Гүлина менен жашайм, апа. Менин кийинки жашоомдон дагы үмүтүм чоң, чоң фирмада иштеп жатам, андан өткөн бакыт барбы? Байлыкка кызыкчу эмесмин, бирок байлык адамдын жашоосундагы эң чоң жол экенин түшүндүм, мага башка бирөө жол көрсөтмөк беле, Гүлинанын арты менен баарына жетишем - деди Элмурат ишенимдүү.

- Эмнеси болсо да бирөө жарымдын зыяны тийбесе экен, аман эле жүрсөң болду, - деп кейий жата кетти апасы. Эми Элмурат апасынан сарсанаа болуп жатты: "Мен келбей калсам үйдө жалгыз калат, апамдын жанында отуруп алсам Гүлина эмне дейт?" Эртеси эрте чыгып, Гүлинага келсе ал уктап жатыптыр. Света менен сүйлөшүп отурду.

- Апам үйдө жалгыз калды - деди үңкүйө. - Гүлина бараар бекен?

- Эмне болду?

- Аялым баламды алып кетип калды.

- Гүлинага айтып көр, балам, - деди Света. - Биротоло ажыраша элексиңер да?

- Бизде ЗАГС жок, апа, Гүлина экөөбүздүн ЗАГСыбыз бөлүнө элек да.

- Аа-а.

- Келдиңби, Элмурат? - Гүлина келип Элмурат менен өбүшө кетти.

- Келдим.

- Элмурат, бүгүн кайда барабыз? - Гүлина жанына отуруп, жаркылдай карады.

- Сен каалаган жакка, - деди да, сырттан кирип келаткан Ысманды көрүп, тура калып учурашты. - Ассалоому алейкум!

- Алеки салам, кел, күйөө бала.

- Келип калдым.

- Иштер кандай?

- Дурус эле го?

- Азамат, ишти жакшы алып кетсең чет жерлер менен тажрыйба алмашууңа жакшы болот. Өнүктүрүүнүн жолдорун бил адегенде, ар бир шаарга ач, бир жерден анча өнүгө албайсың, дүйнө жүзүнө жайылтсаң болот, - деп Ысман чын пейилинен кеңеш берди.

- Ошондой кылабыз го, Гүлинанын атынан жасайлы деп жатабыз, анткени баарына ээлик кылчу ушул эмеспи?

- Туура кыласыңар, адегенде сорттуулугун арттырышты билгиле, мен врачмын, мындай иштер колдон келбейт, - деп колун жая күлдү. - Бүгүн оор операция болду, жаш келиндин бөйрөгү жарабай калыптыр, абдан оор болду. Чарчадым, Света айым.

- Жаш бечарага кыйын болгон экен, бөйрөгүн алып койдуңарбы?

- Алынды, албаса болмок эмес.

- Кудай күтүлбөгөн оорудан сактасын.

- Апа, биз кеттик, - деди Гүлина.

- Мейли, балам, бара бергиле, - деп Света аларды узата карап, ойлуу күбүрөндү. - Кандай гана тагдыр күтүп турду экен, каралдым, сен үчүн барымды чачууга даярмын…

- Минте бербе да, ой адамды оору гана кылат. Элмурат дурус жигит экен, менимче буга ишене берсек болчудай. Арам ойлуу адамдар ар бир сөзүн аярлап, сактанып сүйлөп, көздөрүн бултактата качырып турушат, - деп Ысман Светанын колдорун кармалай өөп койду. - Биздин балдар мамабызды үйгө алып келбейсиңби деп жатышат, кандай дейсиң, Света айым? - Жылмая жооп күттү.

- Ысма-ан, эми мен жаш келин болбосом, отуз-кырк жылдап бирге жашаган күйөөмдүн ордун бекер бастырдымбы деп ансыз деле кыйналып жүрөм, мен сенин үйүңө баралбайм го?

- Андай дебе, сен азыр менин никелүү аялымсың, туугандарымдын, досторумдун алдына бир барып кой. Андан кийин өзүң бил, бирок, алтыным, кыз деген жигиттин үйүндө болууга тийиш! - деп сөөмөйүн көтөрө күлмүңдөй караганда Света да күлүп калды:

- Ой кокуй ой, балдарыбыздан уялттың, Ысман.

- Уялба, байбиче, сен дагы, мен дагы кудайдын буйругу менен өз жарларыбыздан айрылып калып, таанышып, кошулуп отурабыз, бу да болсо пешене.

- Ырас айтасың, мен азыр эмне кылаарымды билбей жүрөм.

- Андан көрө Элмурат менен Гүлинага үйдү берип, экөөбүз өзүбүзчө жашашыбыз керек, ойлон, алтыным, ойлонуп чеч.

- Кыйын абалга калтырдың мени.

- Кайын журтуң келсе мага дагы ыңгайсыз болот экен.

- Ыңгайсызданба, болчу нерсе болду, мойнубузга алышыбыз керек, ини-сиңдиң менен агаңды жакшылап тосоюн. Билбейм, ойлоноюнчу, Ысман, шаштырба мени, кызымды бир жаңсыл кылып алайын.

- Макул, ал эми болчу нерсе, Гүлина өзү жооп бербедиби, эмнесине тартынабыз, - деди Ысман. Экөө кечке сүйлөшүп отурушту. Кечке маал Гүлина үйгө жалгыз келди, жүзү жайдары. Экөөнү бир карап коюп, бөлмөсүнө көтөрүлдү. Света бир аздан кийин анын бөлмөсүнө башбакты.

- Гүлү, жалгыз келдиңби, кызым?

- Ооба, апа.

- Элмуратчы?

- Анын апасы жалгыз экен…

- Аа-а. - Света кайрылып кетмек болгондо:

- Апа, бир нерсени кеңешсемби дедим эле, - деди Гүлина.

- Айта гой, кызым.

- Апа, Элмураттын апасы биз менен турса кандай болот?

- Эмнеге?

- Ал жалгыз калыптыр, ал жалгыз болсо Элмурат таштай албайт го?

- Өзү эмне деди?

- Ага айтканым жок.

- Макул болоор бекен?

- Айтып көрүңүзчү, Элмурат мени бар дейт, барганда мен бирдеме жасашым керек, апа, эчтеке жасай албайм.

- Үйгө жүр дедиби?

- Ооба, биротоло жашайлы дейт.

- Сенин жашаганга көңүлүң барбы анан?

- Апа-а, кызык суроо бересиң да, мен Элмуратты жакшы көрөм, а сен аны эң жакшы билесиң да, - Тултуңдай таарынган болду.

- Билем-билем, кызым, ысык сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дегенди билесиңби, жакшылап терең ойлоп, чечишиң керек. - Света Гүлинаны тиктеп туруп калганда ал жанына келип, ийининен эки колдой кармады.

- Апа, Элмурат андайлардан эмес, мен аны сүйөм, апа, ошого жетем деп анан өзүмдү-өзүм кыйнабадымбы. Болду-болду, апа, өткөндү кайталоонун кереги жок. Кыскасы, эгер макул болушса мен аякка барбай, алар бул жакка келишет, демек чогуу жашайбыз.

- Жеке чечимиңе Элмурат эмне дээр экен? - деди Света кызынын кадимкидей болуп калганын сезип, мурда ашыкча сүйлөгөндөн чочулап турчу. "Кудайга шүгүр, өзүнө келип эле калыптыр, өзү эле билсин, жашоо ушунуку. Көзүмдүн тирүүсүндө көз салып турамын, банктагы акчаны да өткөрүп коюуга убакыт жеткен экен, кокус бирдеме болуп кетсем билбей калат", - деп ойлоп турду.

- Апа, Элмурат башкалардай эмес, ач көздүгү да жок, мени жолго таштап кетчүдөн эмес.

- Болуптур, кызым, иши кылса алдыдагы өмүр жолуңду, тагдырыңды өзүң чечкенге акың бар, жыйырма экиге чыгып калдың, кагылайын. - Света Гүлинаны кучактап бооруна кысып, далыга таптап, чекесинен өөп койду. - Эс ала гой, чарчагандырсың.

- Ооба, аябай чарчадым, апа, жакшы жат.

- Жакшы жат, кызым. - Света кызына мээримдүү жылмая карап, ылдый түшүп кетти. Ал келсе Ысман креслого кыңкайган бойдон уктап калыптыр. Света үстөл үстүндөгү идиштерин жыйнап жууп, Ысманды ойготту.

- Катуу уктап кеткен турбайынбы? - деп кериле турду ал.

- Чарчапсың да.

- Айтпа, жаталы, кемпир.

- Кулакка жат угулат экен.

- Эмне десем экен, күйөөң кандай эркелетчү эле?

- Койсоңчу эми, эркелеше турган убак өтпөдүбү. - Света кылгыра карап калды. Кантсе да элүү беш, элүү алты жаштагы аял анчалык деле кары болбосо керек. Эркектерди тартуучу бир жагымдуулугу али өчпөгөн аял бир кездеги кайниси менен болгон кумарлуу түндөрдөн тапкан кубанычын ар убак көз алдына келтирип алаар эле…

Билинбеген убакыт жеңил соккон желдей сызып өтүп баратты. Гүлина айы-күнүнө жетип, уул төрөп алды. Элмураттын кубанычы чексиз болгону менен Алмаш алып кеткен Кутусун эстегенде ичи тыз этип алат. Бирок бул кезде ал дагы эле эки үйдүн ортосунда жүргөн кези болчу. Гүлинаны чыгарып келгенден кийин Элмурат күндүзү аякта, түндөсү апасын жалгыз койгондон тартынып, өз үйүндө болуп жатты. Күндүзү жалгыз отурган Дарыйка дарбазасынын ачылганын эшитип, сыртка чыккан. Келинин, колундагы небересин көрүп, кубанып кетти.

- Кел, айланайын, келдиңерби деги? - деп эне небересин колуна ала коюп, эки ууртунан өөп, - Кир, кире гой, балам, - деди келинине.

- Апа, мен кайра эле кетем.

- Ийи, кокуй?

- Кутуну таштайын деп келгемин… - Жер карап турду Алмаш. - Мени кечириңиз, Элмурат өз атасы эмеспи, мен бөлгүм келбеди, - деди да, колундагы баштыкты таштап, талпынып өзүн көздөй колдорун сунуп, апа-апалаган баланы эки бетинен өөп алып, жүгүрүп чыгып кетти.

- Ээ, айланайын, бул чыныбы же калпыбы? - деген эне түшү же өңү экенин билбей делдиреп турганда Кутубий ыйлап ийди, чоочуркады окшойт. - Айланайын, жүрө гой үйгө, атаң келет, уулум, - деп жети-сегиз айлык балтыр бешик небереси менен сүйлөшүп, ичкери кирди.

Элмурат келип, баласын таштап кеткен Алмашка ыраазы болду. Бирок колу бошобой апасына оор болоорун билип айласы куруду.

- Апа, сен кыйналасың го, мен бекер кылдым окшойт?

- Эмнеге, ботом, эрмек болбойбу мага, андан көрө өзүң тынч оокатыңды кыла бер.

- Жаш бала кыйнайт го?

- Кыйнабайт, араба алып алам, анан уулумду бага берем, балам. Сенин балдарың оноо болсо да, үстүмө чыгып алып тебелеп-тепсеп жатса да мен ики дебей калайын, - деп алдында отурган небересине ичи элжиреди.

Бирок Элмурат Гүлина менен Светадан эчтеке жашырчу эмес, дароо эле болгонун айтып келди. Ошондо Света келип, Дарыйка менен сүйлөшүп отуруп кетти. Көп өтпөй эле Дарыйканын көржөрүн көчүрүп кетип, үйүнө эки-үч батирчилерди киргизип коюшту. Света болсо Ысман менен бөлүнүп жашап калды. Гүлина эс акылдуу, токтоо аял болуп кайненесин сыйлап, Кутуну өз баласындай кабыл алган мээрман аял болду. Элмурат ишти кадимкидей алып кетти. Уулунун атын Сатыбай коюшту. Элмурат экөө уулун караган сайын Гүлина:

- Элмурат, балам мага окшойбу? - деп сурай берет.

- Кайсы жери сага окшойт? Өзүмө эле окшош.

- Койчу, мага окшоп эле турбайбы? - деп таарына кетет.

- Макул-макул, сага окшошуп турат, - деп Элмурат аны капа кылгысы келбейт.

Дарыйка үстүңкү кабаттан өзүнчө бөлмөгө небереси экөө жайгашкан. Гүлина Элмуратка айтып, үй кызматчы алдырып келди. Света менен Ысман келип-кетип турушат. Ысмандын эң кичүү кызынын кайнагасы аял алып, чакырышканынан барышкан эмес. Света бир күнү келип, Дарыйканы ээрчитип кетти, көрсө ошол кызынын кайнатасы өлгөн экен. Келин алганда көбүрөөк ичип койгонбу, жаткан жеринен турбай калыптыр. Бата кылганы барып, ошол жерден Алмаш кайненесин көрүп таңгалды. Бет маңдайлаша түшкөндө Алмаш чочуп кетти да, чала-була баш ийкеп, ары басып кетти. Көрсө, жаңы алган келини ошол экен. Аны Света Дарыйкага көрсөтүп, түшүндүрүп жатты. Мындай бири-бирине коошпогон тагдырлар миңдеп саналгандыктан, пендебиз да, эртеңибиз эмнени көрсөтөөрүн ойго албай тирүүлүктүн кызыгына батабыз. Туулмактын өлмөгү, кайгынын кубанычы, таттуунун ачуусу болоорун билип туруп, билмексен болобуз да, өмүрдүн текке кеткенин сезгенде гана өкүнүп калабыз. Ошондуктан көр пендебиз да...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз