Айгүл ШАРШЕН


"МЕН СЕНИ ЖЕК КӨРӨМ, АПА!"


Жаш кезде болот жаңылыш, жарабайт ага таарыныш дегендей жаштыктын жалындуу күндөрүнө махабатка мас болуп жүрүп жаза басып алгандар арбын эмеспи. Негизи баянда Саадат аттуу жаш кыздын татаал тагдыры баяндалат жана дагы жаш кезинде боюнда болуп калып, баласын таштап кеткен, азыркы учурдагы карыган аялдын бой жеткен баласы менен кездешүүсү сүрөттөлөт.

- Саадат, жүрү көңүл ачабыз, менин жигитим кафеге чакырып жатат, - деди кирип келгенде эле оозунан арактын жыты бур-р этип.

- Макул, өзүм деле зеригип кеттим эле, - деп Саадат дароо макул болду.

- Анда кеттик! - деп Тынар экөө ээрчишип батирден кеч чыгышты. Алар ээрчише Кулиев көчөсүнө чыкканда машинада отурган эки жигит сыртка чыга калды.

- Оо, сулуулар, кандайсыңар? - деди Элдар кыздарды утурлай басып.

- Жакшы. - Саадат тоңдоосун карап койду.

- Эң сонун, кеттикпи, кана? - деп Тынар жоопсуз эле машинага отуруп алды. - Саадат, бол отур!

- Аа-а, атыңыз Саадат экен да, демек таанышып алдык, - деди Элдар алдыңкы эшигин ачып. Арт жагында отурган жигит эки кызга баш ийкей жылмайып койду. Көп узабай эле алар бир кафеде отурушту. Элдардын жанындагы жигит өзүн Кумарбек деп тааныштырды. Төртөө көпкө чейин бака-шака болуп тамактанып отурушуп, анан кафеден чыгышты. Элдар машинасын чоочун имараттын короосуна айдап келип токтотту.

- Тынар, биз кайда келдик? - деп шыбырады Саадат.

- Кайда келгенди эмне кыласың, көңүл ачкандан кийин болушунча ачыш керек! - деп ал колун шилтеп койду.

- Кызыксың го?

- Саадат, кам санаба, бул менин үйүм, эч кам санаба, - деди Элдар күлө. Чогуу ичкери киришти. Кумарбек сыртка чыгып кетип, кайра тез эле келди, эки ак пакетке тамак-аш көтөрүп алыптыр. Кайрадан дасторкон жайып, чогуу отурушту, бул жолу ортодо шоңшогой бөтөлкөдөгү ичимдиктер койкойуп турду. Саадатты ичпейм дегенине карабай кыстап ичирип коюшту, ал ичпейм десе Тынар:

- Мен сени кыйбас досум деп жүрсө, сен менин бир өтүнүчүмдү аткарып койбойсуң, азыраак ичип койсоң андан эмне болмок эле, - деп таарына кетти.


- Тынар, мени түшүнсөң, мен ичип көргөн эмесмин, сенин көңүлүң деп ичип койдум, жетишет эми ичпейм.

- Кой эми, Саадат, аздап алып отур, таанышканыбыз үчүн.

- Бизди сыйлап кой, Саадат, - дешип эки жигит эки жактан чыкты. Мурда ичип көрбөгөнгө эки куюм винодон кийин эле Саадаттын көзү ала чакмактап, башы айлана түштү. Түн бир оокумда Элдар катуу кызып калган Тынарды колтуктап, башка бөлмөгө кирип кетти. Бири-бирин астыртан караган Кумарбек менен Саадат үнсүз көпкө отурушту.

- Саадат, - деди Кумарбек бир убакта.

- Ыя? - Саадат чочулагандай аны жалт карады.

- Качантан бери шаардасың?

- Он беш күндөй болду го?

- Мурда болдуң беле?

- Жок.

- Шаарда таанышың жокпу?

- Агамдар бар.

- Эмнеге алар менен турбайсың?

- Агам үйлөнө элек, кээде үйгө да келбей калат.

- Аа-а, башка таанышың жокпу?

- Жок.

- Тынарды кайдан тааныйсың?

- Таанышып калганбыз.

- Ата-энең барбы?

- Ооба.

- Жакшы, эс алалы анда, - деп жигит аны күлүмсүрөй сырдуу карады.

- Мен ушул жерге эле отурам.

- Мейли, бирок биерден эс ала албайсың го?

- Эртең уктап алам.

- Кел, экөөбүз отурабыз, - деп Кумарбек анын жанына отуруп, үстүнө костюмун жаап, колун ийинине артканда кыз кысына ары жылды. - Коркпо, мен сага тийбейм.

- Эмне…

- Тийбейм, сүйлөшүп отурабыз.

- Эмнени?

- Жөн эле, - деп Кумарбек кызды өзүнө каратты. - Канча бир туугансыңар!

- Беш.

- Жанагы өзүң айткан агаңан башкасы үйлөнгөнбү?

- Жок.

- Аа-а, - деп койду Кумарбек, - мен үч бир туугандын улуусумун, бир иним, бир карындашым бар.

- Жакшы.

- Кай жерликсиң?

- Көлдөн.

- Жакшы экен, мен да Көлдүн Тоңунан болом, ата-энем шаарда жашап калышкан.

- Ий де, кайсы айыл?

- Ошонусун билбейм, атамдын жакын тууганы жок болгондуктан аякка барбайт, апам Чүйлүк болот, эжелериң барбы?

- Эки агам, эки эжем бар.

- Эч кимиси үй-бүлө кура элекпи?

- Ооба.

- Иштейсиңби?

- Эми иштейм го…

- Кандай жумушка иштемек болуп жатасың?

- Билбейм.

- Мен окуйм, эгер макул десең жолугушуп туралы ээ?

- Көрөбүз го?

- Кел эми, жылуу кучакташып отуралы, - деген Кумарбек кызды өзүнө имере кучактамак болгондо Саадат тура калды.

- Жок-жок, жөн эле отуралычы.

- Макул эми, жаныма эле отурчу.

- Ушундай отурайын, сен ошол жерде отура бер.

- Ошо кантип болсун?

- Болот.

- Анда кел, мындан ичели. - Кумарбек винодон куюп эки стакандын бирин кызга карматты.

- Мен ичпейм.

- Мен үчүн ичип кой, таанышканыбыз үчүн.

- Ичпей эле койойунчу.

- Анда таарынам.

- Өзүңүз билиңиз, - деди Саадат. Кумарбек стаканды дасторкон четине коюп, унчукпай калганда негедир Саадат уяла түштү, "тарбиялуу эле окшойт, капа кылып койдумбу", - деп ойлонуп калганда Кумарбек.

- Мурда жигиттер менен сүйлөшкөн белең? - деп сурады.

- Жок, эмнеге сурадыңыз?

- Деги да, жигиттер менен сүйлөшкөн болсоңуз сыйлоону билет элеңиз дегеним.

- Мен али жашмын да, жигиттер менен жүргөнгө эрте.

- Анда Тынар менен жүргөнүңүзгө жол болсун?

- Эмнеге? - Саадат Кумарбекти таңгала карап калды.

- Көрдүң да, анын жанында жүрсөң сени дагы башкача деп ойлогом.

- Кандайча?

- Бузулган кыз экен деп.

- Койчу?

- Ооба, ошондой кыздар бирге жүрөт.

- Эмне кылышым керек, иш тапсам бөлүнүп кетмекмин.

- Мен сага телефон номурумду берейинби?

- Баары бир менде телефон жок да.

- Кереги тийет.

- Макул, - деди Саадат жибигендей, - мен азыр кете берейинчи.

- Кайда барасың?

- Билбейм, агамдын батирине барам го?

- Мен жеткирип койойун, азыр түндө кайда бармак элең?

- Таң атаарына аз калбадыбы.

- Экөөбүз чогуу чыгабыз.

- Макул.

- Кел эми, винодон алалычы? - деп Кумарбек стаканды кайра узатты.

- Ичпей эле койойунчу.

- Эч нерсе болбойт, бир жолу алып кой, - деп суранып калганда Саадат винону алып ийип, алаканы менен оозун басты.

- Мени сыйлаганыңа рахмат.

- Эч нерсе эмес.

- Агаңдын батирин көрүп алып, барып турайын ээ?

- Эмнеге?

- Жолугуп турабыз да.

- Билбейм, агам көрүп калса өлтүрөт.

- Өлтүрбөйт, - деп Кумарбек күлүп койду. - Балким болочок кайнагам менен тил табышып алаармын…

- Эмне?!

- Жөн айтам да. - Ошол убакта телефону чырылдап калды. - Алло, угуп жатам, апа, мен досторум менен жүрөм, бир аздан кийин барып калам, - деп Кумарбек чөнтөк телефонун өчүрдү да, Саадатты карап жылмайды. - Апам, менден сары санаа болуп уктабай отуруптур.

- Эмне дайыма эле үйүңүзгө барбай каласызбы?

- Кээде гана.

- Кайсы окууда окуйсуз?

- Кыргыз-түрк лицейинде.

- Кайсы бөлүгү?

- Экономика боюнча.

- Жакшы экен.

- А сен окуйсуңбу?

- Шарт болсо окумакмын, ата-энемдин шарты жок.

- Ошондойбу, менин атам, апам экөө тең Дордойдо соода кылат, үйүбүз бар, карындашым милицейский академияда окуйт, иним мектепте.

- Аа-а, - деп койду Саадат, ичинен ата-энесинин колунда жогуна зээни кейип кетти. "Неге элдей жашай албайбыз? Эки эжем эптеп ар кайсы жумушта иштеп жүрүшөт, агаларым дагы үйлөнө албай жатат, мен болсом минтип же иштен, же окуудан жок жүрөм", - деп ойлоп алды. Экөө унчугушпай бир топко отуруп калышты. Ошол кезде ички бөлмөдөн Элдар чыга келди.

- Ой, силер дагы эле отурасыңарбы? - деп керилип койду ал.

- Кандай эс алдыңар? - деп Кумарбек кайра өзүнө суроо узатты.

- Эң сонун, - деп Элдар эшикке чыгып кетти, андан кийин Тынар чыкты.

- Качан турдуңар?

- Эбак эле турганбыз. - Кумарбек мыйыгынан күлүп койду.

- Кыйын экенсиңер, биз катуу уктап калыптырбыз, - деп эшикке жөнөдү. Алар жуунуп келип, дасторкон четине отурушту.

- Баш ооруп калыптыр, бирдеме барбы ыя? - деди Элдар отуруп жатып, анан кайсалай ар кайсыдан алып жеп кирди. - Көп ичип коюптурбуз.

- Биздин башыбыз ооруган деле жок.

- Силер эмне чоң атаңардан уккан жомогуңарды айтып жаттыңарбы? - деди Элдар күлүп. - Эх, жаштыктын таттуу, кымбат мезгилин каалагандай өткөргөндү билбейт экенсиңер? - деп винодон куюп кулкулдата жутуп ийди. - Келгиле эмесе, алып ийгиле.

- Экөөңөр ичкиле, биз ичпейбиз.

- Ом-ээй, силер биримдик болуп калгансыңар го? - Элдар экөөнү олурая карады.

- Жакындан тааныштык, - деп Кумарбек күлүп калды.

- Саадат, сен эмнеге сүйлөбөйсүң? - Тынар Саадатка карады. - Сага Кумарбек жактыбы?

- Жаккан, жакпаганда эмне кыласың, Тынар, тур кеттик.

- Шашпа кетесиңер, мен өзүм жеткирип койом.

- Жок, мен агама барып жолугушум керек, кийимдеримди алып алайын, - деп өйдө туруп жөнөдү Саадат.

- Менин башым ооруп турат, бир аз отура турчу эми.

- Бол эрте.

- Саадат, шашпай тура тур, чогуу эле жеткирип койобуз.

- Качан эми?

- Ушунча чыдап аз калганда чыдабайсыңбы?

- Мен…

- Саадат, капа болбо, чогуу барабыз, силерди таштап, биз үйгө кетебиз, - деген Элдар өзүнчө кытмыр жылмайып койду. - Бу силер кандай жаттыңар ыя, сенин биринчи түнүңбү же бир неченчисиби?

- Элдар, байкап сүйлөсөңчү, Саадат андай кыз эмес.

- Эмне, биринчиси сен болдуңбу?

- Эсиң менен болчу, Элдар, биз сүйлөшүп эле отурдук.

- А кандай болуш керек эле, силерчилеп бир бөлмөгө кирип кетиш керек беле? - деди Саадат жини келе. - Мен эми сага кошулбайм, сени курбум десе ушундай абалда калтырдың. - Ал Тынарга таарына карады.

- Саадат, биз Элдар экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, - деп Тынар Элдарды карады, андан колдоо издегени көрүнүп турду. - Туурабы, Элдар, сен мени сүйөөрүңдү далилдей аласыңбы?

- Сөзсүз, өзүмдөн дагы сени жакшы көрөм, - деди Элдар дагы кытмыр күлүп. - Жанымдай сүйөм, Тынар.

- Ошондой эле болсун, анда кетелиби, Тынар?

- Азыр, шашпай тур.

- Шашпа-шашпа дейсиң, деги качан кетебиз, мен жумуш издешим керек, Тынар.

- Бир аз чыда, таң эми эле атты го?

- Чыдайм дечи, бирок туура эмес болуп жатат. - Саадат ыңгайсыздана отуруп калды. Тынар ысык тамак жасап, Элдардын үйүн өзү билгендей эле тейлеп жатты. Бирок Элдар аны сүйчү эмес. Тамактангандан кийин үйдөн чыгышты. Тынар менен Саадатты жеткирген соң эки жигит жолдо кетип баратышты.

- Сен Тынарга үйлөнөсүңбү? - деди Кумарбек Элдарга кайрылып.

- Жок ай, ошону ким алат?

- Ара жолдо калтырасыңбы?

- Өзү билет да.

- Эмне анын биринчиси болдуң беле?

- Жок, мага чейин эле шалтакысы чыккан неме болчу.

- Анан эмнеге илээштирип алдың?

- Өзү эле сүйөм деп жүрөт.

- Сен туура эмес кылып жатасың, андан ушундайыңда кутулбасаң, байланып калып жүрбө?

- Эмнеге?

- Боюмда бар деп туруп алса кантесиң?

- Антпейт.

- Кыздардын ар кандай амалдары болоорун билбесең керек, балким ал сенин башыңды айлантып алаар…

- Кантип?

- Ушинтип эле, азыр эмне көп, көзү ачыктар көп, акча болсо болду, дароо дубалайт да, сенин көзүңдү тумандатып салат, анан боюна болтуруп, кеткис кылып кишендейт.

- Кызык, албай койсо болбойбу?

- Албаганга аргаң да болбой калат.

- Койсоңчу ай. - Элдар кенебестикке сала кол шилтеп күлүп койду.

- Негизи Тынар жакшы эле кыз эмеспи…

- Саадатка жетпейт, чынында мага Саадат жагып калды.

- Эмне-е?

- Ошол, эми Тынарды таштап, Саадатка тузак саламын.

- Ал баарын көрүп туруп макул болот деп ойлойсуңбу?

- Болбоско аргасы да жок, көрөсүң го, заматта каратып алам.

- Элдар!

- Эмне болду сага?

- Ага тийишпе!

- Эмнеге?

- Жөн эле.

- Сага жагып калдыбы?

- Жок, бирок аны да Тынардай кылып койосуң.

- Ээх, дос, сен Саадатты жакшы көрүп калгансың бейм, чынында сулуу кыз экен ээ?

- Сулуусунда кеп жок, абийири таза кыз экен.

- Көрдүңбү?

- Көрүнүп эле турбайбы?

- Кой тамашаңды, таза экенин билгениңе караганда түндө бир киргенсиң го, кайран дос, - деп Элдар карс-карс каткыра Кумарбекти далыга таптады.

- Ойлоп сүйлөчү, Элдар, оюңдун баары эле жаман экен да, жакшы кыздардын убалын ойлосоңчу, кийин азабын тартасың.

- Ошого азапты байлап коюптурбу, дос, жаштык деген кайрылып келгис алтын курак, ошондуктан убагында жалындап жанып-күйүп кал. Убагың өтүп кеткен соң өкүнүп каласы-ың, до-ос.

- Эмнеси болсо да, ойлонуп иш кыл, айтор өзүң билесиң, кой мен жеттим, ушу жерге түшүрүп койчу.

- Макул, дос, эми качан жолугабыз?

- Телефон чалсаң көрөбүз да.

- Болуптур анда, пока!

- Көрүшкөнчө, - деп Кумарбек түшүп калды. Бул кезде эки кыз өздөрүнчө чукулдашып жаткан болчу. Саадат бир сыйра кийимин салыштырып жатканда Тынар:

- Саадат, эмнеге кетем деп калдың, мага таарындыңбы? - деп сурады.

- Сага таарынганым жок, агам менен тургум келди.

- Агаң бойдок болсо, кыздарды алып келет, анан сен кайда барасың?

- Ал кыздарды алып келбейт.

- Кайдан билесиң, кыздар менен эле болгонуң жакшы го?

- Иштесем кыздар менен чыгып алам.

- Ага чейин мени менен боло бер.

- Жок, кетишим керек, Тынар, сен капа болбо, рахмат сага. Эки эжем деле шаарда, таап алсам жакшы болмок, издешим керек, - деп колуна пабатин алып, босогого жетти. Бут кийимин кийип, эшикти ача бергенде ал Кумарбек менен беттеше түштү.

- Кеттикпи?

- Кайда?

- Сени жеткирем дебедим беле, такси алып келдим, - деди Кумарбек жылмая.

- Таксинин эмне кереги бар, мен маршрутка менен эле кетип калам.

- Саадат, суранам сенден, мен жеткирип койойун.

- Болуптур.

- Такси жолдо турат, келе жүгүңдү.

- Өзүм эле.

- Кумарбек, сен Саадатты мени менен турба дедиң беле? - Тынар алардын артынан чыга калып сурады.

- Эмнеге антип ойлодуң?

- Кетем дегенине караганда, анан сенин келип калганыңдан улам...

- Тынар, ар кимдин өз чечими болот, - деп Саадат кайрыла калып, жооп кылды.

- Макул, жолуңар болсун.

- Жакшы кал.

- Жакшы баргыла! - деп Тынар кала берди. "Балким экөө кыз-жигит болуп калышкандыр, эмне болсо ошол болсунчу", - деди да, эшигин жаап кирип кетти.

- Саадат, Тынар менен мамиле кылбай эле койчу.

- Эмне үчүн?

- Сени туура эмес жолго салып, бузуп койобу деп корком…

- Ар кимдин башы өзүндө.

- Ошентсе да.

- Кабатыр болбоңуз, мен өз жолумду билем.

- Кечирип кой.

- Эчтеке эмес.

- Мени ушул жерден түшүрүп койосузбу? - Саадат айдоочуга кайрылды.

- Токтотуп коюңуз, - деп Кумарбек таксиден кошо түштү.

- Сиз кайда?

- Сени менен…

- Бекер убара болбоңуз, агамдын кыялы чатак, мени да, сизди да соо койбойт.

- Коркпо, болочок кайнагам менен таанышуу кандай өтөөр экенин көрөйүн. - Кумарбек кызга карабай алдыга басты.

- Тамашаңыз өтө кызык, - деп Саадат агасы жашаган батирге кирмек болуп, кайра токтой калды, ичкериден кыздардын үнү угулуп жаткан. Кумарбек бурчка тура калганда Саадат эшикти такылдатып кирди.

- Ким? - деп ача койгон Урмат карындашын көргөндө ыңгайсыз абалда калды. - Аа-а сенсиңби, кайдан жүрөсүң?

- Аба, мен жумуш табалбай жатам, сиз менен жашай берейинчи, Айзат эжемди да таппай койдум.

- Аа-а, Саку, карындашым, сага азыр акча берем, сен батирге жайланышып алып, анан жумуш изде, макулбу? Мен жакында үйлөнсөм анан чогуу турабыз, азыр мен тез эле чыгам, - деди да, кайра кирип кетти, тез эле чыгып: - Мына эки миң сом, эптеп жашай тур, сени балким айылга чогуу ала кетем, - деди.

- Макул, - деген Саадат көңүлсүз артка бурулду, көзүнөн жаш тегерене жолго түштү, анын артынан Кумарбек жете келип:

- Эми кайда? - деди акырын.

- Билбейм, батир издеш керек…

- Экөөбүз издейли.

- Ата-энеңиз күтүп жаткандыр?

- Күтө турат, сенин маселеңди чечип алалы.

- Өзүм деле таап алам.

- Жок, жайлаштырып коюшум керек.

- Мага кам көргүдөй кимсиз сиз? - Агасына ачууланганын Кумарбектен чыгара кыз ага бир тийди.

- Экөөбүз дос болобуз, сенин ара жолдо турганыңды көрүп туруп басып кете албайм, Саадат, капаланбачы эми, - деп сүйлөп атып Кумарбек келе жаткан маршрутканы тосту. - Кеттик.

Саадат унчукпай токтогон маршруткага түшүп кете берди. Экөө кечке шаар кыдырып, кечке маал бир батир табышты. Эки киши баткыдай чакан бөлмөгө кирип, эки жагын карап көрүштү.

- Төшөнчү табыш керек тура, - деди Саадат аргасы кете.

- Аны чечебиз, жүрү базарга.

- Батирден беш жүз эле сом калды, жетпейт да.

- Калганын мен табам.

- Сизге карыз болгум келбейт.

- Саадат, сен деп эле айтчы, бир эле жаш айырмабыз бар экен, мен табам дедимби, демек табам.

- Макул, карыз болуп турайын, кийин иштегенде берем, - деп Саадат күлө карады. - Эртең иш издейм.

- Табасың, бол эми базар жабыла электе баралы, - деп Кумарбек шаштырып алып жөнөдү. Экөө базардан керектүүлөрдү алышты, идиш-аяк менен плитаны дагы унутушкан жок. Келгенден кийин Кумарбек аны менен коштошуп, үйүнө кетти. Эртеси ал үйүнөн дагы бирдемелерди алып келиптир. Саадат күлө карап тим болду. Ал күнү Кумарбек апкелгендерин таштап коюп эле сабагына шашып кетти. Саадат жумуш издеп таппай абдан кыйналды, акыры бир сынакка катышмак болду. Ал дикторлукка өтүп жаткан кастинг эле. Өңү-түсү, бой турпаты келишкен кызды камеранын астына отургузуп, текст окутуп көрүшүп, үнүн, дикциясын жактырышты. Дароо кабыл алмак болуп турушкан, анан эле жогорку билими жок экенин билгенде айнып кетишти. Арстанбек телевидениедеги уюштуруучулардын башчысы болчу, татынакай кызды көз кырынан кетиргиси келбей акырында ага жолугуп сүйлөшөйүн деп чечти. Саадат улгайган адамдын күтүп жатканын укканда: "Эмнеге жолугат, балким жумушка алаар, же өттүң дээр бекен? Окуганга шартым болбосо кантем, билимим болгондо эле өтүм кетмек экем", - деп Арстанбек Бекболиевдин кабылдоосуна келди.

- Саламатсызбы, агай, чакыртыпсыз.

- Кел, отур.

- Рахмат. - Саадат бул адамды телевизордон көрүп жүргөн, тааный койду.

- Кайда иштейсиң?

- Бошмун.

- Окугуң келеби?

- Окумакмын, бирок шарт жок.

- Кастингге катышууга эмне себеп болду?

- Диктор болгум келет.

- Да-а, бирок ал үчүн билим керек да.

- Түшүнөм.

- Окугуң келсе мен жардам берейин.

- Кантип? - Кыз көздөрүн алайта карады.

- Ушинтип эле, сендей сулуу кыздар теле жылдызы болсо кандай сонун, элдин да көзү тоймок, - деп Арстанбек Бекболиев сырдуу жылмайып койду.

- Өтө мактап ийдиңиз.

- Ырас айтам, сулуу кыздар көпчүлүктүн көзүндө, эл алдында жүргөнү жакшы.

- Рахмат сизге. - Кыз жүзү кызара ылдый карап отуруп калды.

- Уялба, эртең мага келип жолук, телефон барбы?

- Жок.

- Анда мындай, сен сыртка келип, буга чалып чакыртсаң, мен өзүм чыгам, - деп визиткасын берди. - Сөзсүз кел, макулбу?

- Макул, агай.

- Атың ким эле?

- Саадат.

- Жакшы анда, Саадат, мен сага жардам берем, как раз азыр окууга кабыл алуу болуп жатат, паспортуң барбы?

- Бар.

- Анда сүйлөштүк, бара бер, - деп Арстанбек жылмая кызды узатып кала берди. Саадат кубанып кетти: "Окуп калсам кандай жакшы, ата-энеме дагы жардам бермекмин", - деп буту менен баспай эле учуп бараткандай болуп, батирине жөнөдү. Азыр турмушта куулук-шумдук өкүм сүргөн убак экенинен анын кабары жок, жашоону бир жагынан гана таанып, бир билгени - байлык болсо гана баары жайында болот. Көңүлү көтөрүлүп, өзүнчө өрөпкүгөн жаш кыз тагдырынын кай тарапка бурулуп баратканын билбеди. Батирине келсе, Кумарбек күтүп туруптур:

- Кайда бардың?

- Иш издеп.

- Таптыңбы?

- Жок, бирок бир жакшы жаңылыгым бар.

- Кандай?

- Бир киши мени окууга киргизем деди.

- Чын элеби?

- Ооба, аябай жакшы киши экен.

- Этият бол, Саадат, жаман жолго түшүп жүрбө?

- Эмнеге, атамдай киши мага калп айтмак беле?

- Ошолор кылат азыр баарын, балким сага көзү түшүп калгандыр?

- Кантип эле? - Саадат саамга тунжурай: "Эмне экен, бала кезимден кумир туткан адамга жолукканым жаманбы, балким анын жаман ою деле жоктур", - деп ойлоду. - Билесиңби, мен ал кишини телевизордон көрүп жактырчумун.

- Чынбы?

- Эмне экен, телевидениеде иштешсем болбойбу?

- Болот, тилектешмин, Саадат, андан көрө жүр тамактанып келели, сен жумуш тапканча сыйлап турайын.

- Макул, бирок көп карыз болуп кеттим.

- Андай дебе, досчулукта бири-бирин колдош керек.

- Тынарга жолугуп жатасыңарбы?

- Элдар жолугуп жатса керек.

- Качан үйлөнүшөт экен?

- Сен аларды үйлөнөт деп ойлойсуңбу?

- Эмне үйлөнбөйбү?

- Ишенбейм, Тынар менимче Элдарга жакпайт.

- Кантип?

- Ушинтип эле, ал көп кыздар менен жүрөт, кимисине үйлөнөөрүн ким билет.

- Кызык экен, бири-бирибизди сүйөбүз дебеди беле?

- Ал Тынардын сөзү.

- Элдар сүйбөйбү?

- Кайдан билем, башканы кой, өзүбүздү ойлойлучу.

- Бизде кандай сөз болмок, биз алардай эмеспиз да?

- Ошол үчүн айтып атпаймынбы, тамактангандан кийин сени жеткирип коюп, үйгө барышым керек.

- Мейли, сага абдан ыраазымын.

- Саадат, эжеңдерди таппадыңбы?

- Жок, шаар чоң эмеспи, телефонум болсо да издеп көрөт элем, же аларда телефон барбы- жокпу билбейм, балким алар деле иш таппай мен сыяктуу жүргөндүр…

- Кабатыр болбо, сөзсүз табасың, балким күйөөгө чыгып кеткендир?

- Билбейм.

- Агаң үйлөнөм дедиби өткөндө?

- Ошенткен.

- Сени таппай калгандыр.

- Баса, сенде бирдик барбы, менде агамдын номуру бар, чалып көрөйүн.

- Бар.

- Мына буга чалып, мага берчи. - Саадат телефон номур жазылган баракты ага бере салды. Бир аздан кийин:

- Ме, алды, - деп шыбырай Кумарбек телефонду сунду.

- Алло, аба, бул мен Саадат. Кайдасыз, ава? Ооба, мен сотовыйдан чалып жатам, ооба, батирдемин, качан? Мен жумушка кирем, аба, баралбайм келгенден кийин жолугам, макулбу? - деп телефонду өчүрүп койду. - Рахмат, агам үйлөнөт экен, эртең айылга кетип жатыптыр.

- Бара албайм дедиңби?

- Ооба.

- Жумушуң болобу анан?

- Буйруганын көрөм да.

- Макул, кайда баралы?

- Өзүң эле бил.

- Сен танда.

- Тандай албайм, уят го?

- Эч нерсе эмес, сага жигит болгум келет, Саадат.

- Кантип, жумушу жок, же окуусу жок мени эмне кыласың, студент кыздар толуп жатса, - деп Саадат сынай карап койду, алар сүйлөшкөнчө кафеге келип калышты.- Сүйлөшкөн кызың жокпу чын эле?

- Кыздар көп, бирок көңүлгө жакпайт.

- Ошончо кыздан бирөө жакпадыбы?

- Жок, мага сен жактың.

- Ыраспы?

- Чын айтам, а сен кандай ойлойсуң?

- Эмнени? - Кыз Кумарбекти суроолуу карады.

- Мен сага жагамбы?

- Мм, ойлонуп көрбөпмүн…

- Мейли, кыз кербезиңди көрсөтүп жатасың го? - деп Кумарбек ага жылмая карап, колун алдыга жаңсады. - Кирели…

Экөө ээрчише кафеге кирип, бир бурчтан орун алышты.

- Саадат, билесиңби, мен сени жактырып калганымдын эки себеби, бир чындыгым бар.

- Кандай себеп, кандай чындык?

- Биринчи себеп сенин бейчеки ичимдик ичпегениң, экинчиси эркектер менен болбогонуң. - Кумарбек Саадатка ойлуу тигилди.

- Чындык дегениң эмне?

- Ал… ал мен сени сүйүп калганым, Саадат.

- Койсоңчу, Кумарбек, сүйүү кантип келет экен? - Саадат бырс эте күлүп койду.

- Шакаба кыла бер, кокус өзүң сүйүп калсаң көрөт элең. - Аңгыча алдыга тамак келип калды. - Тамакка кара, Саадат.

- Рахмат.

- Рахмат-рахмат деп тоту куштай сайрай бербей тамактан ич.

- Макул.

- Сен өзү бүгүн башкачасың.

- Эмнеге?

- Билбейм, кубанычтуусуң го?

- Аа-а, балким ошондойдур, эртең менин чечүүчү күнүм, окууга өтүп калсам жакшы болот эле…

- Карабай кетип жүрбө?

- Эмне үчүн?

- Унутуп каласыңбы дейм да, кокус телевидениеде иштеп калсаң, занит болосуң да, жолугуу кыйын болоор.

- Эмнеге?

- Алар жолуккусу келбегендерге жок дедиртип койот экен.

- Кантип эле, сен барсаң сөзсүз жолугам, бирок азыр жөн гана окуйм да, эки жылдан кийин көрөм, мүмкүн иштеп калаармын.

- Иши кылса тилегиңе жет.

- Айтканың келсин.

- Саадат, вино ичпейлиби?

- Койсоңчу, мен ичпейм.

- Бир аз ичели.

- Жок, болбойт.

- Суранам.

- Кумарбек, суранбай эле койсоң, кыз кишини ич деп кыйнаганың кантип болсун, сен шаардык маданияттуу жигитсиң, а мен айылдык карапайым бир кыз болсом, мунуң жарабайт.

- Макул-макул, таарынбачы эми, сени эртеңден кийин көрбөй каламбы деп корком, балким окууга киргизген адам жашаганга жай да таап берет чыгаар?

- Жатаканага орношуп калсам жакшы эле, бир жумадан кийин дагы батир акысын төлөш керек, а менде жумуш жок.

- Кам санаба, мен жардам берем.

- Кантип, ата-энеңе эмне деп айтасың?

- Шылтоо табам да. - Экөө тең күлүп калышты. Көптөн кийин Саадаттын батирине келишип, бир азга сүйлөшүп туруп, анан Кумарбек үйүнө кетти. Саадат ал кеткенден кийин: "Кайсы окууга киргизээр экен, эмнеге окууга киргизем деди? Окуш үчүн көп акча керек да, ошончо акчаны кандайча төгөт, балким жөн эле сынап жаткандыр" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси эрте туруп жуунуп, кийимдеринин эптеп дурусун кийди да, жолго чыкты. Кабылдамага токтоп телефондон чакыртты эле, кире берсин деген экен, эшик тоскондор киргизип ийди. Саадат лифт менен төртүнчү кабатка көтөрүлдү. Тааныш кабинеттин алдына келип, терең дем ала каалганы тыкылдатты.

- Кир!

- Саламатсызбы, агай?

- Саламат, отур, чоң кыз.

- Рахмат.

- Ата-энең барбы, Саадат?

- Ооба.

- Жакшы-ы. - Арстанбек кызга тигиле карап, бир аз ойлуу отуруп калды. - Мен сени Чүй университетине сүйлөшүп койдум, паспортуңду берсең, баарын өзүм бүтүрөм.

- Макул, агай.

- Жашоо кандай, кимдер менен турасың?

- Жалгызмын.

- Батирби?

- Ооба.

- Эгер жайлуу орун болсо келесиңби?

- Жатаканабы?

- Ооба, бирок менин үйүмдө болосуң, аялыма жээним деп койойун, кандай дейсиң?

- Билбейм.

- Батириңе ким төлөйт?

- Агам.

- Иштебесең кыйналасың го, андан көрө тамак-аш, жашаганың бекер болот, менин үйүмө кел.

- Ойлонуп көрөйүн, агай.

- Паспортуңду мага берип бара бер, жакшылап ойлон, эртең мага сөзсүз жолук, окууңа да жардам берип турам.

- Макул, - деди Саадат ойлуу, анан ордунан туруп баратып, - жакшы калыңыз, - деп коюп, кабинеттен чыгып кетти. Бул жолу ал кубанаарын же кайгыраарын билбей турду, парктагы отургучтардын бирине отуруп алып: "Кандай жакшы, жатакана да даяр болду, окууга да кирем, журналистка болсом атамдар таң калышат го, эмнеси болсо дагы макул боло берейин", - деп ойлонуп ордунан турду.

Бульвар менен жай басып келе жатты, эки жагын да каранган жок, карды аябай ачканын билди, азыр жанында кардын тойгузаарга эмес, жолуна да тыйыны жок эле. Батирине келип, бир аз пияз менен картошка калган экен, кууруп жейин деп аарчып жатып, Кумарбекти эстеди. "Бүгүн келбей калды го, ал болбосо эбак өлмөкмүн. Батирдин акысын төлөй албасам чыгарып ийет, кайда бармак элем, андан көрө макул болгонум туура эмеспи. Окуп да, жашап да эптеп максатыма жетип алсам болду", - деп ойлонуп отуруп бирдеме жалмалап алды да, чалкасынан түшүп, ой көлүнө чумкуду…

Арстанбек Бекболиев телевидениеде бир топ жылдардан бери иштейт, биринчи аялы менен ажырашып кеткен. Ажыга барып келгенден бери динди карманып, беш убак намаз окуйт. Бирок жылтыраган кыз-келиндерди көргөндө клейдей эле жабышып калмайы бар. Азыркы аялы да өзүнөн он эки жаш кичүү, бирок ортолорунда бала жок. Койкоюп ээрчишип барып, ээрчишип келип, эл көзүнө ынтымактуу үй-бүлөдөй көрүнгөнү менен жумуштан келишкенден кийин кыжы-кужусу көп, жатканда тескери карап жатышканына бир топ болду. Намаз окуп, дин жолунда жүрсө дагы аялы менен урушканда Арстанбектин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Ал тургай Замираны уруп сабагандан кайра тартпайт. Бүгүн Замира Арстанбектин кабинетинен чыгып бараткан кызды көрүп, ичи тарый түштү. "Бул кечээги кастингге катышкан кыз го, ал эмне кылып жүрөт, буга дагы көзү түшкөнбү?" - деген ойдо ылдамдай басып, күйөөсүнүн кабинетине кирди.

- Тиги кыз эмне кылып жүрөт?

- Кайсы? - Арстанбек билмексен боло кайра өзүнө суроо узатты.

- Эмелеги кабинетиңден чыкканчы?

- Аа-а, ал менин жээним болот, кечээ кастингге катышып, өтпөй калбадыбы.

- Өз акыбалдарын билбей эле келе беришет.

- Өзүн сынаганы жакшы эмеспи жаштардын, жашаар үйү жок экен, биздикине жашай бер дедим, сен кандай дейсиң? - деп аялына сынай карады.

- Кандайча жээниң?

- Сен менин бүт эже-карындаштарымды тааныйт эмессиңби, алыска турмушка чыккан эжемдин кызынын кызы, менин таппай жүрүптүр.

- Өзүң билесиң да, - деп күбүрөнө Замира кайра чыгып кетти.

- Көнө-өсүң, көнбөгөндө кайда барат элең? - деп Арстанбек өзүнчө компоюп жылмайып алды. Кечинде үйүнө келгенден кийин дагы экөө көпкө кажылдашып, талашып-тартышып жатып, анан жини келген Арстанбек аялына сүйлөбөй жатып алды.

- Сенин аял жандуулугуң кармап калган тура, ал кыз сага эч кандай жээн-мээн эмес, көзүң түшүп калып имерип жатасың да?

- Койсоңчу ушундай сөзүңдү?

- Койбосо эмне кыласың?

- Ажырашам.

- Эмне-е? - Замира көзүн алайта карап калды.

- Ажырашам, ушундай сөзүңдү токтотпосоң өкүнүп каласың.

- Сенден ажырагангабы, эч кандай өкүнбөйм, ошондой эле кыйын болсоң үстүмө аял алып көр, буга чейинки кылыктарыңды көтөргөнүм жетет. Эми жарыя саламын, ажынын кылыгын жумурай журт билип койсун! - деп жиндене булкунуп жатты Замира.

- Сага жин тийдиби, андай болсо ачык эле кете бер, кимибиз жарыя болоор экенбиз, минтип албууттугуңду көрсөтө берсең өзүңө эле жаман, унчукпай жашай берсеңчи.

- Сага жалыныппы же этегиңе намаз окуппу, сен жылына бирден аялды алып кетире бер, же менин төрөбөгөнүмө ушинтип жатасыңбы?

- Өзүң түшүнүп туруп, эмне айгайлайсың анан?

- Балдарың турбайбы, такыр балаң жок болсо бир жөн.

- Коколой баш болбой ортобузда бала болгону жакшы эмеспи, менин артымда тукум көп калыш керек, жашаганга жараша бул дүйнөгө көп балдарды жаратышым керек. Мен ал аялдарды келишим менен алгам, бир жылга чейин боюна болбогондон кийин кетирип жибергем.

- Балким сенин балдарың ар кимдин колунда чоңоюп жаткандыр же болбосо бала жаратуудан калгандырсың? - деди Замира кытмыр жылмайып табалай.

- Байкап сүйлө, али кала элекмин, эгерде минте бере турган болсоң сенин көзүңчө эрке токол алып, төрөгөнүн көрсөтөм, - деп Арстанбек тура калды.

- Оох-хо, төрөгөнүн көрөйүн, сен жумушта жүргөндө башка бирөөдөн боюна бүтүрүп алып, сенин балаң десе, ошого макулсуңбу?

- Төрөлгөндөн кийин текшертем, сенин сөзүң үчүн.

- Эмне кылсаң ошо кыл, мен сенден биротоло ажырашам! - деп Замира башка бөлмөгө кирип кетти. Арстанбек унчукпай жатып алды, ошол бойдон эртең менен унчукпай жумушка жөнөштү. Саадат келип, макулдугун бергенден кийин түштөнүү убактысында аны үйүнө жеткирип келди.

- Өз үйүңдөй бол, аты-жөнүңдү жазып койду, экзаменде барасың, - деди Арстанбек жылмая карап, анын ушул жылмайышы Саадатка жагып турду.

- Макул, агай.

- Кардың ачса тамак жасап ич, - деп коюп ал кайра кетти. Саадат үй ичин кыдырып чыкты, чынында абдан жакшы турат экен, эмеректери чет элдик, кымбат баалуу килемдер, идиштери хрусталдан. "Ушундай жашоону көрбөй жашагандар канча, айылдагылардын байларында да мындай буюмдар жок, укмуш турат экен, балдары жок окшойт", - деп телевизорун койду, анан дивидиден кино көрдү. Бир убакта ашканага кирсе, муздаткычта тамак-аш толтура экен, "Экөө эле жашаса мынча тамакты эмне кылат, кардым ачканын да билбей калган экенмин", - деп ойлонуп, кардын тойгузду. Отуруп-отуруп, батирдеги кийим-кечеси менен буюмдарын эстеп, үйдү бекитип, батирине келди. Ал келгенде Кумарбек күтүп жаткан, көрүп эле утурлай басты:

- Кайда бардың?

- Кумарбек, мен кетип жатам, батирди ээсине тапшырышым керек, окууга кабыл алындым, - деди Саадат кубанычы койнуна сыйбай.

- Куттуктайм!

- Рахмат.

- Качан кетесиң анан?

- Азыр кетишим керек.

- Эртең барсаң болбойбу?

- Жок уят го, үйүнүн ачкычы менде.

- Ой, ошончо ишеним бердиби ээ?

- Ошондой го.

- Мага сүйлөшүп тур, макулбу?

- Макул, соткалуу болгондо чалам, номуруң бар да.

- Кана, буюмдарыңды аласыңбы?

- Аны сүйлөшкөн жокмун, бүгүн айтам го, али батирдин акысы бүтө элек, эртең келип алып кетээрмин.

- Жакшы бар анда.

- Жакшы тур.

- Баса кайсы окууга?..

- Чүй университети, журналистика бөлүмү.

- Жакшы экен, өтүп кетишиңди каалайм, Саадат.

- Рахмат. - Экөө эки жакка бөлүнүштү. Ушул бойдон көрбөй калчудай Кумарбек аны көпкө чейин карап туруп, анан жолуна түштү. Саадат келсе эч ким жок, үйгө кирип, телевизорду өчүрбөй кеткенин көргөндө коркуп кетти. Ашканага кирип, бирдеме жасагысы келди, бирок алардын кандай тамак ичээрин билбей көпкө турду, ошол убакта эшиктен ээрчише Арстанбек менен Замира киришти.

- Саламатсыздарбы? - деп иймене карап туруп калды Саадат. Замира аны бутунан башына чейин сыдыра карап:

- Жакшы, - деп койду да, кийимдерин которчу бөлмөсүнө кирип кетти.

- Зерикпедиңби? - деп сурады Арстанбек.

- Жо-ок.

- Жакшы, эс ала бер.

- Кандай жумуш жасайын?

- Эмне дедиң? - Арстанбек кайрыла берип сурады.

- Бекер отурбай жумуш болсо жасай берейин дегем.

- Жумушту эмне кыласың, китепканага барып керектүү китептерди алып оку.

- Макул, китепкананы кайдан табам?

- Ошонун баарын биз таап беришибиз керекпи, сураштырып таап алсаң болот го, айылдан келгендин баарына шаар кыдырткыдай убактыбыз жок, - деди Замира бөлмөсүнөн чыга калып.

- Замира, ал эмне дегениң, билбегенин билгизип койгондун эмнеси бар, эртең эрте өзүм көрсөтүп койом, жээним, - деп койду Арстанбек.

- Өзүм издеп таап алам, убара болбоңуздар.

- Акча-тыйының жетеби?

- Жетет, - деп жер карады Саадат, анткени колунда бир тыйын акчасы жок болчу. Эч кимиси унчукпай калды. Эртең менен Арстанбек үстөл үстүнө эки жүз сом коюп кеткен экен, Саадат аны алгандан уялып көпкө отурду. Газга чай коюп жатканда үй телефону чырылдады эле ал селт эте чочуп кетти.

- Алло, Саадат, үстөлдүн үстүндөгү акчаны алып ал, - деди Арстанбек телефондон.

- Тим койсоңуз болмок.

- Эч тартынба, түштө өзүм барам, макулбу?

- Макул.

- Китепканага барып китеп карап кел.

- Ийи.

- Анда макул, түштөнүүгө үйгө барам, - деп телефонду коюп койгондо кыз делдейип туруп калды. "Мынчалык неге кам көрүп жатат, эмнеге келет болду экен? Аялы билип калса менин чачымды бирден жулбасын, эмне кылсам экен? Тобокел деп акырына чейин көрсөмбү, же кетип калсамбы, аялы мени батыра койбойт, түшүнүктүү аял ушундай болсо, карапайым аялдар да жашап жүргөн экен, же күйөөсүн эмитен кызганып жатабы?" - деп ойлоп жатып чайын ичип, анан сыртка чыкты. Китепкананы сурап алайын деген ойдо "сотовая связь" деген жазуусу бар күркөгө барып, Кумарбектин телефонуна чалса өчүрүлгөн, бир аз күтүп кайра чалды эле:

- Бул ким? - деген Кумарбектин үнү угулду.

- Кумарбек, бул мен Саадат.

- Аа-а кандайсың, эмне жумуш, машинада элем, биз Элдар экөөбүз…

- Кумарбек, китепканага барышып керек болуп жатат, мен билбейм, көрсөтүп койо аласыңбы?

- Саадат, бүгүн кеч болуп калат, анткени азыр алыстамын, каникулда ойноп келели деп айылга кетип жаттым эле.

- Аа-а, макул анда.

- Таарынбачы, Саадат, - дегиче Саадат телефонду өчүрүп салды. Ошол бойдон үйгө келип, тамак жасады, анан эмне кылаарын билбей ойлонуп отура берди. "Барып келдим деп койом, эртең же бүрсүгүнү Кумарбек келээр, баса эртең дем алыш эмеспи, бүрсүгүнү сөзсүз барам", - деп өзүн сооротуп отурганда Арстанбек кирди.

- Зериккен жоксуңбу?

- Жок.

- Китепканага бардыңбы?

- Ооба. Сиз келем дегениңизден…

- Аа-а, анда мындан кийин үч-төрт саат кенен даярданышың керек, мен дайындап койдум дечи, бирок өзүң дагы билишиң керек, эми сен экөөбүз бир жерден тамактанып келели.

- Мен тамак жасап койгом.

- Ошондойбу, анда ичели, - деп күлгөн боло үстөлгө отурду. - Анан сага телефонго акча беремин, өзүң алып аласыңбы?

- Тим эле коюңузчу, ансыз да жакшылыгыңызга эмне дээримди билбей жатам, - деп Саадат кызарып кетти. "Демек пакизалыгың ырас экен, колго түшкөн коенду койо берген оңобу, колумдасың сулуу, сендей кыздын далайын акелетээр убагым", - деп кытмыр жылмайып, астына койгон тамакты иче баштады. Саадат маңдайында отурган адамдан тартынып жер карап тердеп кетти.

- Эч нерседен тартынба, кийим-кече, телефон алып ал, мен сени өзүм колдоп, телевидениеге алып келем, кам санабай жүрө бер.

- Эже жаман көрөт го?

- Жаман көрбөйт, андан коркпой эле кой.

- Уялып жатам, жээним десеңиз уятымдан өлө жаздадым.

- Болоор-болбоско антпе да, жер үстүндөгү макулуктан адамды айлакер, акылдуу кылып жараткан кудай өзү, ошондуктан ойлонуп иш кылыш керек. Сен али эч нерсени көрө элексиң, жеңеңдин кыялына чыдап кой, - деп күлө карап, чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду. - Ме, тартынбай ала бер, кийин окууңду бүтүп иштегенде кайтарасың. Телефон алгандан кийин мага чал, мен номериңди сактап койом, - деди да, үйдөн чыгып кетти. Саадат дендароо боло туруп калды, айланасында эмне болуп жатканын да баамдаганга акылы жетпей, өңү же түшү экенин айырмалай албай, турган ордунда алаканындагы акчаны уучтап тура берди. "Бул эмнеси, атам тааныбаган эле бирөө ушунчалык жардам берээри кимдин оюна келиптир, жадагалса атамдын бир туугандары да атама мынча жардам берчү эмес эле го, үйүбүзгө келген-кеткенди аңдыган жеңем: Ким экен ыя, кыздарга жуучу келген экен десе, жөн эле келген эмелерби, деп жалмаңдап турат, а бул кандай адам?" - деп жылып барып отургучка отурду, акчаны санаса он миң экен. Көпкө отуруп, анан көчөгө чыкты, базарга барып телефон алмак болду. "Беш сары" менен "Берекет грандды" кыдырып карап жүрүп: "Арзанынан эле алайын, акчаны кайра-кайра ким бермек эле, окуп калсам да кереги тийет", - деп арзан телефон сатып алды. Кнопкаларын кызыга баскылап, адегенде Кумарбекке чалды.

- Алло, Кумарбек, кандайсың? - деп күлгөндө анын тааныш кулакка жагымдуу үнү угулду.

- Саадат, сенсиңби, эмне болду?

- Мен телефон алдым.

- Чын элеби, ушу номур сеникиби?

- Ооба, ушул телефонду алдым.

- Саадат, сен капканга түшкөн жоксуңбу?

- Эмне дегениң?

- Телефондон өйдө алып берген адам сага тузак тартканы го?

- Койчу, Кумарбек, телефон алып сүйүнчүлөсө, кайра ушинтесиңби?

- Кечирип кой, сенден ажырап каламбы деп корком.

- Коркпо, макул анда жакшы тур, - деп өчүрдү да, Арстанбектин номурун терди.

- Алло, бул ким? - Арстанбек токтоо үн катты.

- Мен эле, телефон алдым.

- Аа-а Саадатсыңбы?

- Ооба.

- Жакшы болду, номериңди сактап койом, - дегенде шашып өчүрө салды. "Эмнеге чалдым, кызык, чал десе эле чала беремби, деги мага эмне болуп жатат, бул кишиге эмнеге байландым? Айт дегенин айтып эмне кылам, андан көрө ата-энемдин маңдайында жүрө бербейт белем, эми чыдап көрөйүн, эмне деген окуялар болоор экен", - деп ойлонуп үйгө келди. Кийим-кече алгысы келбеди, акчаны жок кылгандан коркту, канча болсо да сактап койгусу келди. Диванга жатып алып ойлоно берди, уктап кеткен экен, кобур-собур дабыштан ойгонуп кетип, тура калды. Күүгүм кирип калыптыр.

- Кайдагы бир немени балаңдай асырамак болдуңбу, кыз болуп туруп кийингенди да билбейт экен, боюн алып жүрө албаган неме окуп кыйратмак беле? - деген Замиранын сөзү кулагына шак дей түштү, кайра жатып көзүн чылк жумуп алды.

- Койсоңчу эми, эжемдер укса таарынат, менден башка кимге барат, таанышы болбосо кайда бармак эле?

- Маа десең өмүр бою алып калчы!

- Сен бир айылдык ажаан аялдардан айырмаң жок жансың да, окуп алып иштегениң эле болбосо, сени теледен көргөндөр созулган аял экен деп ойлошоор, жашоодо таптакыр башкачасың.

- Ийи дагы кандай экенмин, үстүмө он аял алып кетиргениңче чыдап жүргөн мага ыраазы болбосоң көзүңдөн чыгаар…

- Болду, жаагыңды жап!

- Жаппасам эмне кыласың?

- Эмне кылаарымды жакшы билесиң, - дегендерин угуп дымып эле калды. "Ай кудай ай, жумуш таап алсам биерге келмек эмесмин, ата-энем окута турган болсочу, эптеп окуп алайын десе аялы да жаман тура, эми эмне кылам", - деп көзүн жумуп жата берди. Тээ бир кезде анын үстүнө Арстанбек өзү кирди.

- Оо-ой, келип калдыңыздарбы? - деп Саадат тура калды.

- Жата бер, эртең китепканага барасыңбы?

- Ооба.

- Макул окууңа даярдык көрө бер, - деп кайра чыгып кетти. Саадат кыймылдоого дарманы келбей шалдайып отурду, тигилердин үнү угулганы менен эмне дегенин даана угалбай кыжаалат болуп жатып, кайра уктап калды. Эртең менен телефондун чырылдагы аны чочутуп жиберди. Көрсө жаңы алган телефонуна Кумарбек чалып жатыптыр.

- Алло?

- Саадат, кандайсың, кайдан жолугалы?

- Мен эми туруп жатам.

- Анда ондордо сени ЦУМдан күтөм.

- ЦУМду билбейм да.

- Анда каерге барайын?

- Ош базарынан эле жолугалы.

- Макул, саат ондо күтөм.

- Мейли, - деп ордунан турду. "Демек, үстүнө аял алганы чын болсо керек, кантип ажырашпай эле алды экен, ошондон кызганып жаткан го", - деп ойлоно берди. Эртең мененки чайын ичкиче Кумарбек кайра-кайра чала берди. Саат ондон өткөндө гана жолугуп, маршрутка менен ЦУМдан өтүп, китепканага келишти. Кумарбек ага кайсы китепти окуш керектигин айтып, таап берип, экөө кечке бирге болду. Кечке маал гана китепканадан чыгып, ашканадан тамактанышты.

- Саадат, кандай жашап жатасың?

- Жакшы, баары ойдогудай.

- Эң сонун, эми сүйлөшүп турганга да жакшы болду ээ?

- Мен чалганда гана сүйлөшөбүз, агайдын көзүнчө уят.

- Эмне болмок эле, жигитим деп кой.

- Ошо кантип болсун?

- Болот, ачык айт.

- Кумарбек, биринчиден сен менин жигитим эмессиң, экинчиден жигитим болсоң да айта албайм.

- Эмнеге?

- Улуу киши жаман ойлоп жүрбөсүн?

- Деги ким деген киши?

- Арстанбек Бекболиев деген, ажы экен го, телевидениеде көп жылдан бери иштейт экен.

- Ой жанагы молдо чалышпы, аны кайра-кайра аял ала берет деп жүрүшпөйбү.

- Чынбы?

- Аны элдин баары билет, сен анда нак капканга түшүпсүң да.

- Мени ошондой ой менен кармап жатат десең жаңыласың, Кумарбек, ал жөн гана жардам берип жатат мага. - Саадат таарына тултуюп калды. - Эркектердин баары ушундайсыңар, оюңардын баары арам.

- Койчу эми, таарынбачы, Саадат.

- Таарынганым жок, рахмат жол көрсөткөнүңө, мындан ары өзүм келем, эми жакшы бар.

- Бир аз тура турчу эми.

- Жок, кеч барсам жаман ойлоп калышат.

- Макул анда, жеткениңде чалам.

- Жок, сага өзүм чалам, жарайбы?

- Жарайт, - деп Саадат жүгүрүп барып, унаага түшүп кетти.

- Мен сени күтөм, Саадат! - деп улутуна жолуна түштү Кумарбек. Ал келгенде Арстанбек аялы экөө урушуп жаткан экен, Саадат кирип келе жатып босогодон токтоп калды.

- Кетсең кете койчу деги, тажатып жибердиң, он беш жылдан бери сага чыдап келгениме таңгалып турам.

- Кетсе кетем, бирок соттошом сени менен.

- Каалаганыңды кыл!

- Ушул кызды сен бекер киргизген жоксуң, ошол жагып калган, болбосо сен кишиге жакшылык кылбай кал!

- Ага эмне ичиң тарып жатат, ишенбесең өзүң бил, сага өз туугандарымды бирден тааныштырышым керекпи?

- Кереги жок!

- Жок болсо жок, - деп экөө айтышып жатканда Саадат ызасына чыдабай көчөгө чыгып кетти. "Мен жиндиминби, чын эле эмнеге жүрөм, жакын тууганым болбосо, окутам десе эле макул болгонум туура болгон жок окшойт. Эми кете аламбы, паспортумду дагы бере элек, эмнеси болсо дагы паспортумду алгыча жүрөйүн, анан бир күнү кетип калам", - деп ойлоп кайра келсе, Арстанбек сыртта жүрүптүр.

- Кечигип келгенимди кечириңиз?

- Эчтеке эмес, китепканада болдуңбу?

- Ооба

- Жакшы, тамак жасап ичип ал.

- Макул, - деп ичкери кирди. Замира кийимдерин үтүктөп, өзүнчө эле бултуңдап, каалганы карсылдата жаап, кирип-чыгып жатты. Саадат ага баш ийкей учурушкан болду эле жооп да кылган жок. Кыз ашканага өтүп тамак жасады, даяр болгондо үчөө отуруп тамактанышты. Замира үңкүйүп отуруп, тамагын ичкенден кийин туруп кетип калды эле Саадат баарын жыйыштырып, өзүнө берилген бөлмөгө кирип жатып алды. Ошондон кийин эрте туруп, тамак ысытып, чай коюп, кечинде тамак даярдап, кээде кирлерин да жууп коюп жүрдү. Бир күнү Замира келбей калды. Арстанбек кыздын тамагына уйку дарысын байкатпай кошуп коюп, ал уктагандан кийин эч тартынбай эле койнуна кирип, жатып алды. Эртең менен ойгонгон Саадат чочуп тура калып, жанында жаткан Арстанбекти көргөндө эси ооп жыгылып кала жаздады. Эмне кылаарын билбей кийинип, туруп кетти. Ваннага отуруп алып, көпкө ыйлады. "Эмне кылам эми, ушинтип өзүмдү кордогон адамдын үйүндө жүрө беремби, жо-ок, кетишим керек", - деп жуунуп бүтсө дагы ваннадан чыкпай отура берди. Көз жашы көл-дайра болгон кыздын үнүн ким укмак. Бир кезде эшик тык-тык этип:

- Саадат, мени кечир, сага өзүм ашык болуп калдым, менден качпа. Каалаганыңдай жашатам, айтканыңды аткарам, - деп Арстанбек жанталаша жалынып-жалбарып жатты.

- Уятыңыз жок экен, мен эми биерге турбайм, кетем үйүмө!

- Жок-жок, Саадат, сени кетирбейм, сен айткандай болсун баары, менин көгүчкөнүм бол, берекем, сени сүйөм, алтыным, ач эшикти! - деп такылдатып жатып, чарчаганда ары кеткендей болду. Саадат анын дайыны билинбей калганда ваннадан чыгып, сырткы эшикти түртсө сыртынан бекитип кетиптир. Ботодой боздоп ыйлап жатты. "Акылым жок, эмнеге макул болдум экен, ушундай болоорун неге сезбедим? Аялы кетип калган го, акмак, атайын кылган экен да", - деп түш оогончо эси эки болуп отурду. Түштөн кийин телефон чырылдаганынан караса, Арстанбек экен, өчүрүп койду. Андан кийин Кумарбек чалды эле аны да өчүрүп койду. Кечке ыйлаганга эки көзү тоодой шишигенде Арстанбек келди.

- Кечир, жаным, - деди ал кирип келип эле.

- Уятсыз, ушинтип кармап калам дедиңизби?

- Койчу эми, эркек деген ошондой шок болот, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйдүм, сени төбөмө көтөрүп багам, колуңду муздак сууга салдырбайм, келчи, берекем, - деп Арстанбек кулачын жая жакындап келе жаткан Саадат андан боюн ала кача артка кетенчиктеди.

- Жолобоңуз жаныма, уятсыз, арсыз экенсиз, ошондо эмне кылам деген оюңуз бар, мени кармап кала албайсыз!

- Саадат, менден качпа, садага, мен сенсиз жашай албай турган абалга келдим, мен сени сүйөм, күнөөмдү кечирип, айтканымды ук, Саадат, - деп жакындай берди. Саадат артына шарт бурулуп, бир бөлмөгө жүгүрүп кирип кетти, ичинен илип алып, бакырып-өкүрүп ыйлап да, сүйлөп да жатты. Ал ошол бойдон ачпай жатып алды, Арстанбектин айласы кетти, кайра-кайра эшикке келсе дагы болбоду, үнүн да чыгарбады. Ал түнү бою какшанып, не деген сонун сөздөрдү, убадаларды айтпады, бирок жооп болбогондо аргасыз жатып калды. Бир туруп жакшы ой ойлосо, бир туруп: "Кокус өлүп калса канттим, жо-ок, жөндөн-жөн өлө койчу кыздардан эмес, ушунча болду акыры көнөт, жагынууну күчөтүшүм керек", - деген ойго келди. Эртең менен эшикке келип тыкылдатканда эле Саадат:

- Мени койо бербесең милицияга берем, мага башка сүйлөбө, - деп бакырып кирди.

- Cаадат, мени укчу, алтыным, мен сени койо бербейм, сен мага түбөлүк жар болуп бер. Эмне десең аткарам, жаным, айтканыңды аткарам, көзүңдүн агы менен тең айланып, төбөмө көтөрүп багам, жаным, ханышадай алып жүрөм. Ачып койчу, Саадат…

- Жогол, картаң эш-шек, сенин сөзүңдү уккум дагы келбейт, мени баары бир кармай албайсың!

- Койчу эми, Саадат, ачсаң эшикти, кааласаң дүйнө жүзүн кыдырып келели, каалаган жагыңа алып барайын, жаркыным, эгерде макул болбосоң… - Арстанбек көпкө ойлонуп туруп калды да: - Макул болбосоң асфальттатып койом, Саадат, эми сен менден эч жакка кете албайсың! - деген бойдон ачууланып басып кетти. Анын узап кеткен дабышы кызга даана угулуп турду. "Эмне дейт, асфальттатып койгону эмнеси, демек өлтүрүп туруп, жолдогу асфальттын астына бастырып салабы, куда-ай, бул адам эмес эле жырткыч го?" - деп көздөрүнүн жашын куюлта отуруп калды. Жүрөгү балапан куштун жүнүндөй дирилдеп-диртилдеп турду, ордунан туруп эшикти ачууга эрки жетпеди, не кылаарын билбей дулдуюп отура берди. Бир кезде эсин жыйып, өйдө турду, канча убакыт өткөнү да белгисиз, көрсө түш болуп калган экен. Арстанбектин дабышы чыгып барып, кайра билинбей калган. Эшикти акырын ачып, өзүн токтото качып кетем деген ойдо сырткы каалгага келсе, бек экен. Карды ачканына карабай үйдүн баарын карап чыкты, Арстанбек бир жерге бекинип калгандай туюлду. Бирок эч ким жок экенин билген соң ашканага кирип, көздөрү бакырайып кетти. Үстөл үстүндө жер жемиштен баштап, таттуулар менен торт, табакка салынган беш бармак, койчу, баары жайнайт. Тең ортосундагы вазада лилия гүлүнүн чоң букети турат. Анын үстү жагында бир барак кагаз агарып көрүндү. Саадат ушул азыр өзүн унутта калтырып, башка дүйнөдө жүргөндөй сезди, үстөлдү айлана басып келип, гүлдү жыттады. Гүлдүн ушунчалык жакшынакай болуп ачылып турганы анын жаш жүрөгүн ээликтирип ийди, анан колун эрксиз сунуп, кагазды алганын сезбей да калды. Ал катта: "Саадат, бактым менин, мен сени чын жүрөгүм менен сүйүп калдым… Чынында буга чейин көп эле аялды көрдүм, тынчым кетип бир нерсе жетпегендей боло берчүмүн, көрсө мен кыялымдагы адамымды таба албай жүрүпмүн. Сени көргөндөн бери өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, канат бүткөндөй жер менен баспай учуп гана калдым. Мага сенин барың опол тоодой кубаныч, зор бакыт алып келди. Азыр мен өзүмдү жаш жигиттей сезип, он сегиздеги курагымдай ээлигип турам. Мен сени өмүр бою жанымда бол деп суранам, өлүп көргө башым киргенче өзүң менен бирге болгум келет, сөзүмдү кайтарба, Саадат, эки көзүм болсо бири сен болушуңду каалайм! Сенин алдыңда албууттанып аккан дайра, оозун тарталбаган буудан, керек болсо кол алдыңда кызматчың болоюн, Саадат!", - деп коюптур.

- Тобо-о, бул эмне деген адам, кантип сүйүп калат, ортобуз ата-баладай болуп турса кантип айтат, ушул сөздөрүнө мени ишенет деп ойлоп турабы? Жо-жок, мен ишенбейм, атамдай немени эр кылып жүрмөк белем, качып кетем, бир күн дагы турбайм", - деп эшикке жетип, ургулап-тепкилеп жатты. Акыры аргасы кетип, көз жашын көлдөтө отуруп калды. Эмнени ойлогону өзүнө белгисиз, томсоруп жерди теше тиктеп отура берди. Бир кезде эшик кылдыр этип ачылып, Арстанбек кирип келди. Эки бутун сунган бойдон чачтары туш келди саксайып, нес болуп отурган Саадатты көрүп жерден көтөрүп алып, диванга алпарып жаткырды. Эч нерсе сезбей калган кызды көрүп, үрөйү учту.

- Саадат, берекем, көзүңдү ачып эсиңе келчи, мени кечирип сөзгө келчи, садагам, - деп жакка акырын чапкылап жатса да, кыз үнсүз дел болуп жата берди. - Мени каргасаң да, урсаң да кайылмын, тек сөзгө кел, берекем! - деп ыйламсырай ашканага башбакты. Тамак-аштын кыймылдабаганын көргөндө ого бетер жаны чыкты. "Кудай у-ур, өлүп калбаса болду, эми эмне кылам? Доктурга көрсөткөндө болбойт, колдон чыгарып ийем, андан көрө эптеп чыдап жанында отурайын, катуу ойлогондон мээсине кан куюлуп кетсе эмне болот, башка салганын көрөөрмүн", - деп ойлой жанына отуруп алып, сүйлөй берди.

Бир кезде Саадат эсине келгендей көзүн бардай ачып, эки жакты карады, жанында отурган Арстанбекти көрүп өйдө боло калды.

- Мени кайда алып келдиң, кайдамын дейм?! - деп үй ичин айланта карап туруп, жулкунуп босогого жеткенде Арстанбек аны кармай калды.

- Чолпонум менин, жаркыным менин, мени угуп койчу, сени жан дилим менен сүйөм, жүрөгүм менен жактырам, Саадат, менден жүзүңдү бурбачы, садага!

- Тарт колуңду, картаң теке, мени канчага чейин кармай аласың, баары бир эмгегиң текке кетет, убара болбо. Андан көрө койо бер, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, сендей картаң текенин бар экенин, жырткычка окшогон ажы атанган акмактын эл алдында сопусунуп сүйлөгөнү куру бекер экенин гана билген болоюн, түшүмдө көрдүм дейин. Ажы деген атка жамынган катынпоздун бул дүйнөдө бар экенин эсиме да албайын, түш көрдүм дейин, мени койо бер! - деп Саадат тизелей калып, көзүнүн жашы эки бетин жууй суранып, жалдырап киргенде Арстанбек тирүү макулукка, кан ичкич жырткычка айлангандай боор оорумак турсун өңү кумсарып, "эшек, теке" деген сөзгө териге:

- Тур өйдө! - деди калчылдай. - Мен сага картаң текени көрсөтөйүн! - дегенде Саадат көздөрүн алаңдата тура калды. Арстанбек аны колунан силке кармап, ички бөлмөнү көздөй сүйрөп барып спальныйга ыргыта түрттү да, ачынган карышкырдан бетер кыздын үстүндөгү кийимдерин айрып-тытып ыргытып басып жыгылды. Кыздын тыбырчылап тепкилегенине, тиштегилеп кыйкырганына карабай өз ишин бүтүрдү. - Кана, дагы айтчы, картаң теке бекенмин, тойбой калсаң дагы көрсөтөйүнбү, кайталачы, эмне дедиң, картаң эшек дедиңби?! - деп ачуусу келгенинен кара-көк боло энтигип, дагы ишке киришти. Кыздын оозуна башка сөз кирбей, көзүн жума колдору шалдайып гана тиштенип жатып берди… Арстанбек өйдө туруп, жыпжылаңач кыздын үстүн кымбат баалуу шуудураган төшөк менен жаап койгон соң ычкырын кармай ваннага кирип кетти. Жуунуп чыгып, ашканага кирди. Өзүнүн акыбалы чынында мурункудай эместигин сезди, бир машина жүк түшүргөндөй алсырай түшкөнүнө жини келип, ашканада көпкө отурду. "Эми кетсе кете берсин, тейтеңдеген энеңдур-райындын кызы, каалаганыңды аткарайын дегенге болбосоң кете бер", - деп күңгүрөнө башын мыкчып отура берди. Анан үстөл үстүндөгү өзү алып келген беш бармакты газга койду, акырын басып барып спальныйды тыңшаса кыздын бышактаганы угулат. Каалганын жылчыгынан шыкааласа бетин басып ыйлап отурган экен. Кайра ашканага келип, тамактан тарелкага куюп өзү көтөрүп келип, жанына койду. Бөлмөсүнөн кийимдерин алып келип, аны да жанына коюп, үн-сөзү жок чыгып кетти. "Кетсең кетээрсиң, ойлонсоң сөзгө келип, бактыңды табаарсың. Эки жолуң бар: кетсең ара жолдо каласың, кетпесең мени да, өзүңдү да бакытка бөлөйсүң", - деп тамагын ичип болуп, кружкага чайдан куюп алып, кайра Саадаттын үстүнө кирди.

- Ушундай жырткыч экенсиз да, эл алдында ыймандуу көрүнгөнүңүз менен каапыр жасабаган ишти жасаганга кантип дитиңиз барды, мен сиздин кызыңыздай элемин го?! Ажыга барганда ыйманыңызды жеп, ажы деген ат үчүн гана бардыңыз беле? Ылайым кызыңыз менин кейпимди кийип калсын, мен көргөндү көрүп, өлөсөлү чалдын алдында тебеленсин! - деп туруп кетмек болгондо Арстанбек ийнинен баса лук эткизе отургузду.

- Ар бир пенденин өзүнүн пешенесине жазганы бар, сенин каргышың арык аттап суу кечпейт. Мен шариятка тууралап иш кылып жатам, эгерде кетем десең жолуң ачык, бирок бир күнү миңдеген унаалар өтчү асфальттын көрүмчүсү болуп калаарыңды унутпа. Сени сүйүп, сен деп аялымды кетирип отурган менин убал-сообум сенин мойнуңда, башкага барып бактылуу болом деп түк ойлонбой койсоң болот! - деп эңкейип көздөрүнө тике караганда кыз андан көзүн ала качты. Ушул учурда Арстанбектин көзү адамдыкы эмес эле кутурган жырткычтын көзүндөй кызарып, колдору калч-калч этип турган. Кыз жүрөгү дирт этип алды, кадимки муздалаар алдында диртилдеген козудан бетер көздөрүн жалдырата лам дей албай отуруп калды. - Тамагыңды ичип, ойлоно бер! - деп коюп, Арстанбек эшикти сыртынан бекитип, бир жакка кетип калды.

- Акмак, адамдардын баары ушундайбы? Эмне үчүн калыс эмессиң, кудайым, ушул картаң дөбөткө жем болдум ээ?! - деп өңгүрөп ийди Саадат, бугу чыкканча боздоп жатты. Үнүн угаар жан жок. - Окуп эмне кылам, жай турмуш кечирген, момун ата-энемдин кашында жүрө бербей эмнеге келдим шаарга? Кумарбектин сөзүн эмнеге укпадым, дүйнө, байлык бар жерде адамдар адамгерчиликтен тайып, макулукка айланып калат тура! Ушундан көрө карапайым, жетээр-жетпес оокат менен таза адамдык сапаттан тайбай жашап өткөн жакшы эмеспи, - деп ойлонуп отура берди. Ошол бойдон Саадат кетүүнү ойлободу, "Ар бир пенде пешенесине жазганын көрөт", - деген сөз кулагына жаңырып, "Таалайыма буйруганын көрөөрмүн", - деген туюм аны колдон-буттан тушап, токтотуп тургансыды. Анын жашоосу ушуну менен талкаланып, күнү түнгө айланып, баары бүткөндөй сезилди. Үч күндөн бери Кумарбек чала берип тажаганда кат жазды, бирок Саадат аны карап көргүсү да келбеди, соолуган гүлдөй томсоруп жатты. "Мен чаңдагы тебеленип жаткан гүл болдум, соолуган гүлгө суу куйса да тирилбейт, тирилгени менен баштагыдай бажырайып ачылбайт, ачылса мурункудай ага эч ким көз тигип көңүл бөлүп суктана карабайт. Болоору болду, эми ушунда жатып бир өлүмдү күтүп өмүр өткөрүшүм керек", - деген чечимге келди да, тамак ичип, жатып алды.

Арстанбектин аялы ичи күйгөндөн ары-бери жүгүрдү, бирок журналистерге ажы таптакыр тескери жооп берди. Муну күтпөгөн Замира ызасына чыдабай сотко берди, бул убакта Саадат никеге макул болмок турсун, дурусураак сөзгө келе элек болчу.

- Мен он беш жыл жашап эмгегим өткөн, үстүмө канча аял алса да унчукпай чыдап келдим, эми чыдамым кетти, үй-мүлктү тең бөлүп бериңиздер? - деди Замира сотто.

- Айткандарынын баары жалган, аял алган да эмесмин, эл-жерди куруткан шуркуя менен чыдап жашап келдим. Эми өз абийирин өзү ачып калды, оңоп койсом соопчулук иш кылам деп күткөмүн, эрте оңолбогон кеч да оңолбойт, кеч оңолбосо андай аял эч оңолбойт дегендей оңолмок турсун шуркуялыгы күчөдү. Өзү тынч жүрбөй колго түшүп калып, кыз боозуп алып энесин коркутат деп мен жөнүндө ушак таратып жүрөт.

- Урматтуу Арстанбек Бекболиевич, сиз эл алдында аял кишини шылдыңдаганыңыз үчүн айып тартасыз, - деди сот токтоо гана үстөлдү тык-тык эттире.

- Эч кандай колго түшкөн эмесмин, курулай жалганды айтып жатат, мунун жүзү артында, жашоодогу орду башка да, жасаган иши башка, - деп Замира күйүп-бышып жатты.

- Мен кимдин суроосуна болбосун жооп берүүгө даярмын, аяна турган жерим жок, катын ушакка башымды ооруткум келбейт. Катып-бекитип жүргөндөрдөн эмесмин, "шымына чычкан колун аябайт" дегендей туура сөзгө туура, кыйшык сөзгө да чындык менен жооп бере берем, - деди Арстанбек кебелбей.

- Он беш жыл чыдадым, темир эмес адаммын, бир күнү үйгө түз эле журналистка кызды алып келди, менден ондогон уул туулушу керек дегенин эстеп, аялдык сезимимди жаап-жашырып үндөгөн жокмун, кийин дагы үч-төрт кызды алып келди. Алар деле бир айдай туруп кетип жатты, эми ушуну менен болгондур деп жүрсөм, күз айында жээним деп дагы бирин ээрчитип келди. Ортобузда нике болгондон кийин мен ажырашалы, анан каалаганыңдай жашай бер десем, ажырашпайм, алсам сенин үстүңө алам, дагы экөө бар, бири жаш, бири отуздан өткөн кимисин алайын, - деп айта баштаганда жаның чыгабы, ал тургай өзүнөн отуз жаш кичүү кызды алып келгенде чыдабай калдым.

- Жалган, баары жалган, шуркуя сен болбогонду айтып менин беделимди түшүргүң келип жатат! - деп жанталаша кыйкырды эле сот ага тыюу салды.

- Бекболиев, айыпка жыгыласыз!

- Айыбыңызга даярмын, калпка кыжырым кайнап чыкты, өзүнөн жаш жигитке байланып, бет тырмачылык кылып жатса, кантип чыдайт киши.

- Эмесе сиздердин талаш-тартышты чечүүнү прокурор мырза менен жактоочуңар тергеп бүтүп келишсин, дагы үч күндөн кийин жыйынтыктоочу сот болот, - деп сотту жапты. Соттон чыккандан кийин Арстанбек Замира менен сүйлөшмөк болду эле ал болбоду.

- Мен сотту гана күтөм, сени менен сүйлөшөөр сөзүм жок.

- Сен менин үстүмдөн жалаа жапканды коюп, жашай бербейсиңби, мен ага да, сага да жетишем, - деп кебелбей ырсаңдаганда Замира жарылып кетти:

- Сенин ар ким менен жатканыңды көрүп-билип, он аял алгыча чыдадым, эми мунуң менен жашап кетээриңе көзүң жетпей калган го, кетпе деп калыпсың?

- Кам санаба, ал көрөөр көзүм болот, а сен байбиче болуп жүрө бербейсиңби?

- Жүзүң курусун сенин, шарияттан кеп козгоп, насаат айтып сыпаа көрүнгөнүң менен жасаган ишиң теңирден тескери. Элге акыл үйрөтүмүш болуп, үлгүлүү адам көрүнгөнүң менен жүзүңө парда тартынып алып, жасаган иштериң менен кандай адамга сабак бере аласың, жалаң төшөк маселесин үйрөтүп, ажынын чапанын жамынгандан уялбайсыңбы. Анык жүзүңдү көргөн адам бетиңе түкүрө турган болсун! - деп Замира басып кетти. Арстанбек жылмая карап туруп калды, чынында ал он беш жыл чогуу жашап, бирге иштеген аялын мындайга барат деп ойлобогон, башын чайкай үйүндөгү гүлдөй соолуп жаткан кызды көз алдына келтирип өзүн-өзү чыйралта алга кадам таштады. "Көнө-өсүң, көнбөгөндө кайда бармак элең, эгерде ата-энеңдин колунда болгондо колума өзүң келип түшүп бербес элең. Азыр заманың түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү болуу керек", - деп ойлонуп, жакында эле бир белгилүү продюссер аялдын кылыгын эстегенде мыйыгынан күлүп алды. "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин деген ошол, ал аял болуп туруп ошол ишке барып жатканда мен эркек эмесминби", - деп башын көтөрө корстон болуп, унаасына отуруп, үйүнө багыт алды. Унаасын короого киргизип токтотту да, кирүүдөн жүрөксүнө көпкө отурду, өзүн жек көрө караган көздөрдөн заарканып турду ал. Аргасыз дарбазаларын жаап, үйүн ачып, башбакты.

- Жаркыным, мен келдим! - деп өзүн шайыр көрсөтмөк болуп, жолдон ала келген гүлүн Саадат жаткан бөлмөдөгү терезе туштагы тумбочканын үстүнө коюп, - Болду эми, мени кыйнабачы, эркем, - деп спальныйдын этегине чөгөлөй отурду. - Мен сенин кааласаң кулуң болоюн, өмүр бою айтканың менен болуп, ымдаганың менен оюңду билип аткарайын, болгону мага карап сумсайганыңды коюп, айдай жүзүңдү жарк эттирип койчу!

- Менден андайды күтпөй эле кой, менин күнүмдү түнгө айлантып, жаштыгымды чөлдө калган кербендей чөлдөттүң, куураган даракка айланттың!

- Жок-жок, андай дебе, мен сени кууратпай калайын, гүлгө ороп, дайым жанымда алып жүрөм…

- Кереги жок, тамыры жаштайынан суу жетпей куураган чырпыкмын, сендей кара текеден башка эч кимге да керегим жок. Жогол, жаныма жолобо, көргүм келбейт сендей текечерди, жексур, мени өзүңө аял болот деп ойлоп жатасыңбы?!

- Саадат, садага, мени укчу, - деп бутуна жыгылып, жөрмөлөп келип, бечаранын кейпин кийип отурганда Саадаттын боору ооруй түштү. "Ушунчалык да болобу, сүйүү деген дөөнү карып кылат деген туура окшойт, ушул жашында чыпалактай кыз алдында чөгөлөп турганы өөн учурайт экен. Мен үчүн аялын да кетирген тура, эмне деген жашоо болот, оо жараткан, улуу кишини бутума чөгөлөткөнүм күнөөдүр, өзүң сактай көр. Неге мындай абалда калдым, атамдар менен эже-агаларым эмне дешет, алар биерге мени койбойт чыгаар, кандай күнгө туш келдим?" - деп бушайман боло жүзүн төшөк менен жаап жата берди. Арстанбек көпкө чейин сүйлөй берди, анан унчукпай көпкө отурду, акыры ордунан туруп, ашканага кирди. Баары чачык, Замира бардагыдай зымпыйбай идиш-аяктар бүт кир болуп, раковинага толуп кеткен. Өзү тамак жасады да, жаңы идиштеринен алып чыгып, Саадат жаткан бөлмөгө алып кирди. - Эркем, тура гой, кардың ачты го? - деп жанына отурду. Саадат козголбоду. Арстанбек анын эпке келбесине көзү жеткенде тамакты калтырып, башка бөлмөгө кирип, жатып алды. Саадат ал чыккандан кийин тамакты ичип, идиш-аягын алып да койбой ал дагы жатып алды. Эртеси Арстанбек үй кызматчысын жалдап келди. Орто жаштагы багаар-көрөөрү жок аял күнүмдүк жашоосуна ылайыктап үй жумушуна келген. Ал үйдү ирээтке келтирди, баарын жыйнап, жууп-тазалап коюп, тамак жасады.

- Эй, ким бар? - деди жата берип тажаган Саадат, ал калдыр-кулдур эткен дабышты угуп, ким экенин билбей атайын кыйкырды, "Аялы келип калдыбы", - деп да ойлоп ийди.

- Менмин, кызым, бирдеме керекпи? - деп улгайган аял босогодон көрүнгөндө Саадат уялып кетти.

- Жок-жок, сиз кимсиз?

- Мен үй жумушчумун, кызым, мени бүгүн эле алып келди…

- Кечириңизчи, - деп Саадат унчукпай калды.

- Эчтеке эмес, кызым, түштөнөөр убакыт болду, ушул жерге алып келейинби?

- Жөн эле коюңузчу, эчтеке ичким келбейт, - деп жатып алды Саадат.

- Макул, бирдеме керек болсо айтаарсың, кызым, - деп коюп Жаркын ары карай басып кеткенде Саадаттын ага боору ооруду. "Балдары жок окшойт, болбосо эмнеге биерге келмек эле, үй жумушун карыганда кантип жасайт, байкуш, энемдей неме иш кылып жүрсө менин минтип жатканым уят го", - деп башына бир ой келгенде кубанып кетти. "Эшик ачык болсо кетип калсам болот да, кантип ачык койду экен", - деп жүгүрүп чыкса ачык экен, сүйүнгөнүнөн бөлмөсүнө чуркап кирип, кийинип чыкмак болуп баратып бирөө токтоткондой тык токтоду. "Эми кантип, кайда кетем, эжемди тапканда эмне деп айтам, айылга кеткенде бирөө ала качса атамдардын жүзүн жер каратам го? А кокус иш издеп өзүмчө батирге чыгып алсамчы, анда бузулган кыз экен дешет. Бирөө жарым алам деп калса кыз эмесмин деп кантип айтам, ай кудай ай, деги эмне кылам?" - деп босогодон аттай албай туруп калды. Көзүнүн жашы мөлт этип артына бурулду. Ошол убакта Жаркын көрүндү.

- Эже, мага суусун болсо бериңизчи, - деди терс бурула бөлмөсүнө кирип баратып.

- Мына, кызым, - деп Жаркын бир стакан кола куюп келип сунду.

- Рахмат, мени кечириңиз, жумшаганым үчүн.

- Эчтеке эмес, кызым, мен бул үйгө эс алууга келбедим, ушулар мен үчүн маанилүү жумуш да, - деп жылмая чыгып кетти.

- Акмакмын, энемдей аялды жумшап, - деди Саадат өзүнө-өзү жиндене, анан чалкасынан түшүп жатып алды. Ошол кезде Жаркын кайра тамак-аш көтөрүп кирди.

- Жаш кезде ачка болуу жарабайт, кызым, бирөөгө таарынсаң да, өчөшсөң да өзүңдү сыйлай билгениң жакшы. Өзүн сыйлабаган өзгөнү сыйлай албайт деген сөз бар, айланайын, тамактанып ал, - деди да, бөлмөдөн чыгып кетти. Саадат: "Чын эле, мен өзүмдү сыйлай албаганым үчүн ушул ишке кабылдым", - деп ойлоп, алдына келген тамакты ичип кирди. Ичип бүтөөрү менен Жаркынай идиштерди алып кетти. Кечинде Арстанбек иштен келип, туура эле Саадат жаткан бөлмөгө баш бакты, колунда көтөргөн үч-төрт баштыгы бар.

- Кана, жаркыным, мен сага эмне алып келгенимди көрчү! - деп кийим-кечелерди баштыгы менен жанына коюп, уктамыш болуп жаткан Саадатка эңкейип жүзүнөн сүймөк болгондо ал бетин жаап алды. - Мейли, эркем, таарынчың жазылгысы бардыр, саргара жортсоң кызарта бөртөсүң дегендей тынчыңды албайын.

- Мага эч нерсенин кереги жок!

- Андай дебе, эркем, бу жарык дүйнөдө баары керек, кереги жок нерсе болбойт, эркем го менин, сенин тап дегениңди дүйнө жүзүн түрө кыдырып болсо да табам.

- Кереги жок! - Саадат чүмкөнгөн бойдон сүйлөп жатты.

- Мейли, кийимдерди көр, жакпаса эртең алмаштырып башкасын алып келип берем, - деп коюп Арстанбек чыгып кетти.

- Мага буларыңдын кереги жок, кийимди башынан жактырбайм, ата-энемдин гана жүзүн ойлоп айламды таппай жатам, болбосо өзүмдү-өзүм өлтүрүп салат элем, - деп Саадат өзүнчө сүйлөнө берди. - Кумарбек менден таптакыр үмүтүн үздү го, эми ага жолугуп эмне кылам, анын сүйүүсүн кабыл алып жүрө берсем эмне, анда бул балээге кабылмак эмесмин.

- Саадат, кийимдерди дагыле көрө элексиңби? - деп Арстанбек кирип келди, анан ой-боюна койбой Саадатты өйдө кылып, кийимдерди көрсөтүп кирди, арасынан эки кутуча алып чыкты. - Эркем, бул сенин колуңа чак келеби, көрчү, - деп жасакерлене колуна болбой эле көздүү алтын шакекти тагып, колунан өөп тизелей калды. - Мага турмушка чыкчы, жаным?!

- Эмне деп жатасыз, ушундай жол менен максатыма жетем деп ойлойсузбу? - Саадат жаман көзү менен карап колун тартып алды. - Мени өз эркиңиз менен койо бериңиз!

- Эркем болчу, Саадат, өмүр бою маңдайымда жанган жылдызым болчу?

- Ушул жашыңызда уул-кыздарыңызды маңдайыңызга алып бактылуу отургандын ордуна жаш кыздардын тагдырын талкалап, жек көрүнгөнүңүз кандай?

- Жо-ок, алтыным, жаштын да, карынын да өз эңсөөсү болот, максаты болот. Алар чоңойду, жашоосун өздөрү жолго сала турган куракта, а мен Алланын буйругунан башка иш кыла албайм, мени сага, сени мага тагдыр өзү жеткирди, - деп жылмая Арстанбек дагы бир кутучадан алтын чынжырча алып чыкты. - Бул менин дүйнөдөгү эң асыл, аздектеп күтүп алчу адамыма деген алгачкы да, акыркы да белегим, кабыл ал, эркем, - деп аны мойнуна такмак болгондо Саадат тактырбай койду.

- Мени ушундай асыл буюмдар менен алдап алам деп ойлодуңуз беле?

- Кой, берекем, анткениң болбойт, кел кааласаң Италияга, же Америкага, же Индияга саякаттатып келейин, макулсуңбу, жаным?

- Кереги жок, мага сиздин саякатыңыздын да, байлыгыңыздын да кереги жок! - Саадат терс карап жатып алды. Арстанбек бул жолу эч нерсе болбогондой чечинди да, жанына жатып алып кучактап:

- Менден эми эч кайда кача албайсың, - деди. - Биз эми өлгөнчө бирге болобуз, эркем, качан денемден жан кетип, оозумдан сөз калып, көзүм тунарып калганча биргебиз, сага эбак эле нике окуп койгомун, - деди жаш немени алдагысы келип.

- Эмне, кантип эле?

- Ушинтип эле окуп койгомун.

- Кандай жексур элеңиз? - деп ыйлап кирди Саадат. - Сизди көргүм келбейт, жек көрөм! - дегенине болбой аймалап, карылуу колдору менен кыса кучактап алды.

- Кандай десең да кайылмын, жаным, колтугума ай туудубу, күн туудубу билбедим, өзүң үчүн дүйнө жүзүн кезээрмин, картайдың деп мени кылба шакаба, али өзүмдү жаш жигиттей сеземин, - деп кежигесинен ырахаттана, кумарлуу жыттады. - Ээ-эх жараткан, өңүмбү же түшүмбү, сен асмандан, же кайыптан түштүңбү? Көөдөнүмдө жүрөк согуп турганда, ажырабайм бир өзүңдөн билдиңби?

- Койо бериңизчи, жүдөп кеттим.

- Жок, түнү бою кучакташып жатканга көнүшүң керек, - деген Арстанбек ого бетер кыса кучактап, алкымынан аймалады. Канчалык өзүн жаш сезип, көөдөндө жүрөк согуп, кыз кучагында дараметтүү көрүнгүсү келгени менен алсырай, бүткөн боюн кара тер басып картайганын ичинен байкады. Ошондо: "Оо жараткан, дене күчүн алгыча жүрөк курчун алсаң болмок, адам баласы өзүнүн картайганын сезгендей болмок. Жүрөк карыбаса дымак туу болуп, кол жетпегенге кол сунуп, ачкөздүктүн азабына чөмүлө берет экен го", - деп өкүнүп алды.

- Мени калат деп ойлоп жатасызбы? - деди Саадат ойго чөмүлгөн Арстанбектин оюн бөлө.

- Кала-асың, эркем, каласың, мен сени жан дилим менен сүйүп калдым, сени эч кимге бербейм!

- Ушунуңузду туура деп ойлойсузбу, кыздарыңыз барбы деги?

- Бир кыз, үч уулум бар.

- Алар эмне дейт деп ойлойсузбу?

- Алардын баары башка жакта, кызым Америкада, эки уулум Германияда, эң кенжем гана шаарда, апасы менен.

- Замира эженин төрөгөн баласы жок беле?

- Ал төрөгөн жок.

- Балким сиздендир…

- Жок, жаным, андай дебе, мен бийдин тукумунанмын, ар бир аялдан уулдуу болушум керек, Замира менен он беш жылымды текке кетирдим, эгерде ал төрөгөндө башка аял алмак эмесмин.

- Төрөп турган аялын кетирген эркек балага зар болот деп укканым бар…

- Кой, анте көрбө, мен сенден жомоктогудай алтын көкүл кыз менен, күмүш көчүктүү уулдарды көрсөм деген тилегим бар. Саадат каалайсыңбы эртең эле машина алып берейин.

- Мага сизден эчтекенин кереги жок!

- Койчу, эркем, - деп Арстанбек аны өпкүлөп, каршылыгына карабай аймалап кирди. - Меники гана болосуң, сен өл десең өлөйүн, тур десең туруп, жат десең жатайын.

- Кереги жок, мага уруксат бериңиз, качкын болгум келбейт, өз эрикиңиз менен жооп бериңиз, жүрөк жараланды, жүзүм караланды, көңүл кирдеди, сезимдерим оорулуу жандай ириңдеди, - деди Саадат улутуна. - Баарын-баарын унутуп, карга болуп каркылдап учуп кайдадыр дайынсыз кетким келет, боору менен сойлогон жылан болуп жер алдына кирип кетсем дейм. Ойлорум чачкын, өмүрүм кыл учунда тургандай өзүмдү-өзүм жек көрүп баратам, мени жайыма коюңузчу!

- Билем, эркем, баарына мен күнөөлүүмүн, бирок анчалык кетпе, тагдырга буйрук берүүгө алсыз, акысыз экенибизди жакшылап эсте. Көзүмдүн карегиндей карап багайын, керек десең жүрөгүмдү жүрөгүңө кошуп алайын, бир жүрөккө биригеличи, калган өмүрдү биргелешип бакытка бөлөп өкүнбөстөн өтөлүчү, берекем.

- Жок-жок, чыдай албайм, мени сүйгөн жигит жүрөт, жок дегенде жүзүнөн бир өөп калсамчы деп, жүзүмө тике карап тойбой кабарымды биле албай күнү-түнү ойлой, жүрөгү күтүүдөн чарчап, жүргөндүр жолумду карап көчө бойлой…

- Эркем, аны унуткун эми, жүрөгүңдү мага тартуулачы деги, күндүр-түндүр ойлогонум сенсиң жарыгым, кучактачы, садагам, мени!

- Болду, чарчатып ийдиңиз, уйкум келди, - деп Саадат терс карап жатып алды.

- Мейли, жаным, бүгүнкү күн мен үчүн майрам болду, эркем, сенин мени менен сүйлөшүп отурганың…

- Мени жайыма коюңузчу.

- Жарайт, эс ал, жаным, эртең экөөбүз өзүбүзчө бир жакшы эс алып келели, кайда баргың келет, сүйүктүүм?

- Кайрадан баштадыңызбы?

- Болду-болду, сүйлөбөйүн деги, жакшы эс ал ээ? - Арстанбек кызды ой-боюна койбой эле чоп эттире өөп коюп, бөлмөдөн чыгып кетти. Саадат ойлуу жатып, өз тагдырынын бурулушуна моюн сунган өңдүү уйкуга баш урду. Эртең менен ойгонсо, тумбочканын үстүндө аппак лилия туруптур, негедир аны көрүп, көңүлү сергип жылмайып алды. "Сенин ордуңда башка адам болсо гана атаганат, адамдын жүрөгүн оорутуу канчалык кыйын, жумшакмын, жаманмын, эрксизмин. Өзүмдү-өзүм башкара албайм, неге Кумарбектин сүйүүсүн кабыл ала албадым? Бул адамды теледен көрүп, бала кезден жылуу сезимде элем, бирок ал сүйүү эмес да, жөн гана сый-урмат эле, кумир туткан адамым эмес беле", - деп ыңгырана тургусу келбей жатканда Жаркын баш бакты:

- Кызым, тамак даяр, алып келейинби?

- Тим коюңуз, өзүм барам.

- Макул, муздап калбасын.

- Жарайт, - деген Саадат ордунан туруп кийинди да, жуунуп ашканага кирди. - Ай-ий, ушунча эрте турдуңузбу, эже?

- Бул менин жумушум да, кызым, жакшы уктадыңбы?

- Жакшы…

- Менин оюмча күйөөң сени абдан сүйөт көрүнөт, кызым, - деген Жаркын тамак куюп алдына коюп жатып, сырдуу жылмайып койду.

- Аны жайына коюңуз, эже, сиз канчага жүрөсүз биерде?

- Каалаганча…

- Ушинтип жумуш жасагангабы?

- Ийи, мурда дагы бир үйдө иштегенмин, алардын мамилеси ынабай калып кетип калгам. Бүлөөсү абдан көп болчу, кечке кир жууп, кайра тамагын жасап, отурууга чамам болбой, кыйналып кеткемин.

- Канча алчусуз?

- Арзыбаган акча, бирок жалгыз башыма ошол да жетмек, өзүм кыйналып кеттим.

- Бул сизге канча төлөмөк болду?

- Жетет, кызым, ичкен-жегеним бекер, жатаканам даяр, мага андан ашыгынын кереги жок, - деп Жаркын муңая сүйлөп жатты. - Жаш кезимде бул күндү оюма алды дейсиңби, кызым, кычыраган куракта картайуу ойго келбей көп нерсени жаздым басып алат тура адам баласы…

- Сиз жаза басып алдыңыз беле?

- Айтпа, жетимиш биринчи жылдар эле, мен да бир жигитти сүйүп калгамын, - деп Жаркын бактылуу жылмайып алды.

- Ал дагы сизди сүйчү беле? - Саадат шашып сурап жиберди.

- Сүйбөй анан, сүйгөндө да кандай дейсиң, бири-бирибизсиз жашай албайбыз дечү элек. - Оор күрсүнө сөзүн улантты. - Анда тартип өтө катуу болчу, кыз менен жигит ээн-эркин баса алчу эмес, мындай эле көрүп калса ушак-айың тарап, чогулушка салып уяткараар эле да, - Жаркын Саадатты күлүңдөй карады. - Анда азыркыдай болоор-болбосту жарыя кылчу эмес.

- Анан эмне болду, сүйгөн жигитиңиз таштап кеттиби?

- Ооба, биз түнкүсүн жолугуп турчубуз, ата-энемдин катуулугуна карабай түн катып сыртка чыгып, жигитимдин жанында отурчумун. Мектепти бүтүп жатканымда ал аскерге жөнөмөк болуп, түнү бою бирге болдук, май айынын аягы, болбогон оюма койбой мени менен болуп койду, ыйлап отуруп коштоштук. Ошол бир түндүн жыргалынан тамган азапты өмүрүм өткүчө жүктөнүп, өкүнүп келе жатам…

- Аскерден келгенде сизди карабай кеттиби? - Саадат чыдамы кете сурай берди.

- Ал келгенче мындай болду, - Дагы оор дем алган Жаркын куду ошол күндөрдө жүргөн сымал аңгемесин баштады. - Боюма болуп калганын үч айдан кийин билдим, Акылбектен жума сайын, кээде бир айда кат келет. Кийин жооп да жазбай койдум. Ата-энем койчу болгондуктан жайы-кышы мал артында боло турган. Мен окуган ини-сиңдилеримди карап үйдөмүн, ичимди чытырата таңып алам, ошентип кыштын кычыраган түнүндө толгоом келип, эшикке төрөдүм. Бала ыйлап эле түшкөн, заматта тоңуп өлүптүр, мен аны түндөп, ээн талаага бардым да таштарга корумдап коюп, кайра келип жатып алдым. Бир жумадан кийин катуу ооруп жатып калганымда апамды кыштоодон чакыртып келишти. Төрөгөндө баланын үйүн суук уруп кетиптир, тулуптай шишип кеттим, ооруканага алып барышты, менин төрөгөнүм дайын болду, кесип ташташты, ошентип төрөбөс болуп калдым…

- Жаман болгон тура, жигитиңизге жолуктуңузбу анан?

- Жолуктум, ал мени абдан урушту, үйлөнмөк болду, ага болбой ала качам деген күнү качып кетип калдым. Бир туугандарым бар, алардын өз оокаты өзүндө, кыз төркүнгө кадырлуу болуш үчүн күйөөң бар болсо, колунда бар бай болсо анан жагасың, кызым, эрден эмес эчтекеден жок кызга кайсы төркүн карамак эле, "шордуу" деп кеп кылат да турушат. Кудайдын кылганы аз келгенсип бир туугандарым аяй караса, аялдары мурчуя терс бурулушат, өлсөң намыс дешип кошумча чогултканча шашышат. Ушундай, кызым, ушинтип өзүмдү-өзүм эптеп багайын деп жүргөн чагым.

- Капаланбаңыз, эже, сиздин бу да болсо тагдырыңыз чыгаар, адам баласы пешенеге жазганын көрөт тура, андан көрө ден-соолугуңуз жакшы болсун.

- Ооба, садага, эми ошол да, оору-сыркоодон кудай сактаса башкасы болоор. - Жаркын ойлуу бир аз отуруп калды. - Ээ кызым, сенин күйөөң жакшы жигит экен бечара, өзү кайда иштейт?

- Телевидениенин жумушунда, эже.

- Жакшы экен, байкашымча сени жакшы көрөт, аялдын бир бактысы, бир шору эр деп койот, бактылуу кылган да, азапка салган да күйөө, кызым. Эркекти кор туткан болбойт, көзүңдү карап турган эркек сени кор кылбайт, бир аз улуу болсо керек, аял эркектен кичүү болгону шарт. Шариятта башынан эле бири-бириңди көз карашыңардан билип турганыңар оң, - деп Жаркын дагы көп сөз айтмак беле, Саадат ордунан туруп:

- Эже, сиз көп кыйналбаңыз, өзүм эле жасайын, - деди жылмая.

- Кой, кызым, мен бул үйгө жумушкер болуп келгенден кийин баарын өзүм жасашым керек, сен отура бер, мындай жумушту чачым куудай болгончо жасап келбедимби, жасай берем, - деп Жаркынай өз ишине киришти. Саадат бөлмөсүнө келип, кийимдерди бирден карап көрүп жатты. "Мынча болду жашаганга туура келет, ата-энемдин колунда болбосо, окуганга шартым жок, күйөөгө тийгенимди айтпай окуп бүтүп алгандан кийин кетип калам, аргасыз көнүүгө тийишмин", - деп ойлонуп турганда телефону чыр этти, караса Кумарбек экен.

- Алло, угуп жатам, - дегенде Кумарбектин шашкан үнү угулду:

- Саадат, эмнеге телефонду албай жатасың?

- Убактым жок, Кумарбек.

- Китепканага келбей калдың го?

- Үйдөн окуп жатам.

- Саадат, жолукпайлыбы?

- Бүгүн убактым жок.

- Анда эртең.

- Канчада?

- Саат ондо.

- Макул.

- Сөзсүз кел ээ?

- Ооба, сүйлөшөбүз го, - деп Саадат телефонун өчүрдү да, кийимдерди кийип көрүп, бирин жактырды. Колундагы Арстанбек салган шакекти бир карап алды, "Ушунун азабы өттү", - деп алып күзгүнүн сууртмасына салып койду, анан телевизор көрүп жатып алды. Арстанбек муздаткычка бир койдун жарты эти менен тооктун этин алып келип коюптур, суусундуктардын түрүн апкелиптир. Жаркын өзү билип эле Саадаттын жанына бир бөтөлкө спрайт апкелип коюп:

- Кызым, суусундук алып келдим, - деди.

- Рахмат, эже.

- Сен көнө албай жүргөнсүң го, кызым?

- Сурабаңыз, эже, кийин бир жайчылык болсо айтып берем.

- Макул, айтпасаң да мейли, кызым, бактың ачылсын, - деген Жаркын кайра чыгып кетти. Толгон жумуш болбогондуктан эшик шыпырып, гүлдөргө суу куюп, керээли кечке кыбырап жүрө берет. Өзү эмгекчил аял, күүлүү-күчтүү, ден-соолугу таза. Кылган иши тыкан. Арстанбек анын кылган ишин жактырып калды. Кечинде келип эле Жаркынга кайрылды:

- Эже, Саадат бирдеме ичтиби?

- Ичти, баары жайында, иним.

- Эң сонун, бүгүн кеч болуп калды, эртең кечкиге жакшылап даярданыңыз, нике кыйдырабыз, - деди мулуңдай.

- Жарайт... - Таңгалганынан оозуна сөз кирбей калды Жаркындын.

- Кандай, эркем, зерикпедиңби? - деп кирип келип эле Саадатты кучактап өөп колуна көтөрүп алды. - Жаным, мен бактылуу болуп турам азыр, кана, мага карап бир жарк этип койчу?

- Түшүрүңүзчү жерге, мен али ойлоно элекмин, кыйнабаңыз да минтип, али мен өзүмдү даярдай элекмин, - деп Саадат мурчуя андан жүзүн ала качты.

- Макул, эркем, иши кылса ойлонууга мүмкүндүк берейин, баса кийинки аптада экзамен болот, буйруса баары жакшы болчудай.

- Мен китепканага барбай калдым.

- Баарын өзүм бүтүрөм, кам санаба.

- Жарайт, - деп наздуу үнүн созгону менен Саадат мисирейип отура берди.

- Алтыным, асылкечим менин, мендик болсоң эле болду, баарына кайылмын, жумуштан, окуудан эч кам санаба.

- Макул эми, мен чарчадым, эс алайынчы, бир жумага чейин менин тынчымды албаңыз, бир чечимге келиш үчүн оюмду топтоп алайын.

- Айтканыңдай болсун, эртең үйгө конок келет, нике кыйдырып койолу, андан аркысы сенин гана ойлогонуңдай болсун ээ, жаркыным?

- Эмнеге? Мурда нике окуп койгом дебедиңиз беле? - Саадат таңыркай карады.

- Эселегим десе, мен убактылуу окугамын, эми түбөлүккө бирге болуу үчүн башка молдо окуш керек, эртеңкиге чакырып койдум, - деп күлүп келип, жүзүнөн өөп алды. Саадат бул жолу андан боюн ала качкан жок, жөн гана колу менен аста түртүп койду. Арстанбек бөлмөдөн чыга жөнөдү. "Демек жоошуп калыптыр, буйруса менин даарым болот. Сени көрөмүн, Замира, мен энесинен башка өппөгөн кыз алганда сен талаада гана каласың, жумуштан да куула турган кылам, мени менен эле таймашып көр", - деп өз бөлмөсүнө кирип жатып алды. Саадат да өзүнчө: "Менин бутумда жөрмөлөй турган кылайын, каалаганымды аткарасың, болбосо жаныңа жолобойм, жалдыратам шашпа. Жаш катын алгың келсе, баарына чыдай турган болосуң, тажасаң күлүңдү гана сапырам", - деп ойлонуп жатты. Түнү бою экөө эки бөлмөдө түмөн ойдун түбүнө жете албай түйшөлүп чыгышты. Эртең менен Арстанбек уктап жаткан Саадатты чекесинен өөп:

- Кутмандуу таңың менен, эркем, кечке чейин жакшы тур, - деди да, жумушуна жөнөдү. Саадат ал чыгып кетээри менен өйдө боло керилип-чоюлуп алып, ваннага кирди. Жуунуп, чачын тарап, жасанды. Анан Жаркын экөө отуруп тамактанды.

- Кызым, бүгүн конок келет дейт…

- Ийи, ошондой деди го…

- Мен боорсок жасайынбы?

- Өзүңүз билиңиз, мен бүгүн эжеме жолукмак элем. Түштөн кийин келем.

- Макул, кызым, өзүм даярдай берейин анда.

- Ооба, өзүңүз биле бериңиз! - деп Саадат ушул жолу жаркылдай күлүп, ордунан турду. Жаркын аны суктана карап: "Бечара, байкоостон колго түшкөн куштай капаста калган экен, бой салбай жүрсө керек. Бири кем дүйнө ай, бул куулук-шумдугу ашынган жашоодо ойго келбеген окуялар боло берет тура. Жаштыгын курмандыкка чалган экен мунун, бактылуу кылса болду го, көз жашын төкпөсө болду", - деп ойлоп, узата карап туруп калды. Саадат кийинип, күзгүгө каранып алып, эми чыга берээрде телефону чырылдады.

- Алло, Саадат, кандайсың? - деди Кумарбек телефонду алаары менен. - Ден-соолуктар кандай?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, Саадат, саат ондо ЦУМда күтөм.

- Макул, азыр чыгам.

- Күтөм, тезирээк жолугалычы.

- Эмнеге?

- Сага айта турган жаңылыгым бар.

- Жарайт, көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - деп Саадат телефонду колуна ала үйдөн чыкты. Шашыла басып унаа токтоочу аялдамага жетти, ЦУМга барчу унаага отурду. Жарым сааттан кийин экөө телефон менен табышып алып, кафеде отурушту.

- Саадат, сен аябай өзгөрүп кетипсиң.

- Кандайча?

- Таптакыр башкача болуп калыпсың, адеп көргөндө тааныбай туруп зорго тааныдым.

- Койсоңчу, өзүмө сезилбейт, каникулда эмне кылып жатасың?

- Бекерчимин, анан сага телефон чалып ала албай жаман болбодумбу?

- Эмнеге?

- Билбейм, канча болду деги көрүшпөгөнүбүзгө?

- Эки жумадан өттү го?

- Ой-ий, ошондон бери кыжаалат кылып жибердиң.

- Кумарбек, мен сага бир нерсе айтайынбы? - Саадат жигиттин көздөрүнө тигиле карап, бир топко отурду. - Мен үй кызматчы болуп иштеп жатам.

- Ошол элеби, мен дагы башкача ойлоп кетсемчи.

- Кандай ойлондуң эле?

- Күйөөгө чыктым деп айтабы деп…

- Чынбы? - Саадаттын жүзүндөгү эмелеки жылмайуу жалп өчүп, заматта сумсая түштү. - Эмнеге антип ойлодуң?

- Сен көпкө ойлонуп калбадыңбы?

- Ошого элеби?

- Ооба.

- Мен айткандан уялып жаттым.

- Анын эмнесине уяласың, акыры жумуш таапсың да, кандай экен?

- Азырынча жакшы.

- Төлөмү дурус элеби?

- Ооба, айына алты миң.

- Жакшы тура, беш-алты ай иштеп койсоң контракты оңой эле төлөсөң болот турбайбы, Саадат мен сени атамдарга айттым, - деген Кумарбек кызга тигиле карады. - Билесиңби алар эмне дегенин? - деп күлүп койду.

- Эмне дешти?

- Өзүңө жакса болду, биз каршы эмеспиз, кыздын ата-энесине барып сөйкө салалы дейт, сен эмне дейсиң? - Кыздын колунан кармай көздөрүнө тике карады. - Каршы болбойсуңбу?

- Кумарбек... - Саадат эмне дээрин билбей колдору калтырай, жүрөгү дүк-дүк эте тез-тез согуп, Кумарбектин андан аркы сөздөрү кулагына кирбей дел болуп отура берди. Ал азыр ызгаарлуу кышта кайыгып, жашынаарга жай таппай бүрүшүп турган коен сымал калтырай баштады.

- Саадат, сага эмне болду, ооруп калдыңбы? - Кумарбек тура калып аны кармай калды. - Ооруканага алып барайынбы?

- Жж-ок, ме-ен жакшы элемин, Кумарбек…

- Өңүң өзгөрүп кетти.

- Жок, жок, мен кетишим керек, жумушум калып калды.

- Анда жеткирип койойун.

- Болбойт, - деп Саадат ордунан сенделе туруп, сыртты көздөй жөнөдү. Көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый куюлуп ээн-талаа, эрме чөлдө жалгыз калган эликтей эрбең-сербең этип, босогого зорго жетти. Кирип келе жаткандарга урунуп-беринип сыртка чыга берээрде, улагадан мүдүрүлүп жыгылып кала жаздады, тизелери өзүнөн-өзү бүгүлүп, буттары чалыштай түштү. Артынан акмалап келаткан Кумарбек карыдан кармап калды, сүйөп алып жолдо турган таксиге салды да:

- Кана, кайда барабыз, Саадат? - деди эле Саадат өзүн таптакыр жоготуп койгон экен, башы шылк дей түштү. - Байке, ылдам ооруканага айдаңыз, - деп Кумарбек таксистти шаштырды. Көп узабай ооруканага жетип келишти. Ак халатчандар Саадатты каталкага салып алып кирип кетишти. Кумарбек сыртта күтүп турду, бирок Саадат эсине келбей жатты. Түш оогондо Кумарбек тамак-аш алып келгени сыртка чыгып кеткенде Саадаттын телефону шыңгырады. Жанында укол сайып жаткан медайым алып:

- Алло, угуп жатам, бул ким экен? - дээри менен Арстанбектин үнү угулду:

- Сиз кимсиз, бул телефон менин аялымдыкы эмеспи?

- Кечиресиз, аялыңыз ооруканада, көчөдөн алып келишти.

- Эмне, кайсы ооруканада?

- Республикалык оорукананын, терапия бөлүмүндө.

- Рахмат, азыр жетем, - деген бойдон байланыш үзүлүп, түт-түт деген кыска гудоктор угулду. Ийинин куушурган медайым телефонду Саадаттын баш жагына коюп, тура бергенде Кумарбек кирди.

- Сиз мында турбасаңыз да болот, түндө эсине келээр, күйөөсү телефон чалды.

- Күйөөсү? - Кумарбек ишенбей кайра сурады. - Сиз жаңылыш айткан жоксузбу?

- Жо-ок, эмнеге, сиз кимиси болосуз, мен сизди күйөөсү го деп ойлодум эле, агасы же инисисизби?

- Ж...жок, - Кумарбек мукактана ишенкиребей туруп калды. "Ошондуктан жооп бербей жүргөн тура, демек бул өз эрки менен тийген эмес. Ооруп калганында бир кеп бар, зордук менен эле алып алса керек, ким, кандай неме болду экен? Врачтар көп ойлонгон дешпедиби, демек өз эрки менен тийген эмес", - деп Саадаттын жанына келип отурду. - Саадат, неге мага байланышпай калды десе, күйөөгө чыккан экенсиң да, неге-неге?! Неге эрте эле чыгып алдың, айтчы мага, балким ал сенин оюңду билгиси да келбеген чирик байлардын бири чыгаар, же кызматына чиренген көпөс, көздөрүн май баскан көөдөктөрдүн биридир. Айтчы, Саадат, көзүңдү ачып сүйлөчү, мага башынан түшүндүрүп айтып берчи? - деп колдорун кармап отурганда эшик ачылып, кирип келген Арстанбек Кумарбекти акырая бир карап алып, Саадаттын жанына келди.

- Эркем, эркетайым, сага эмне болду? Көзүңдү аччы, жаркыным.

- Аны өз жайына коюңуз! - деди ошондо Кумарбек кекээрлүү.

- Сен кимсиң? - Арстанбек жалт бурула берип: "Агасы болуп жүрбөсүн", - деген ойдо жумшара түштү. - Сен кимсиң, жигит?

- Сиз кимсиз? - Кумарбек ага тиреле калды. - Жаш кыздын күйөөсүмүн дегенде кандай акыңыз бар?

- Күйөөсү болсом күйөөсүмүн дейм да, кечирип кой, жигит, жакшылап сүйлөшөлүчү, агасы болосуңбу? - деп ийининен ала сыртка карай алып чыкты. - Сен туура түшүн, жигит, Саадат менин колуктум, бир айга жакындап калды, никелешип алганбыз, буйруса төркүндөрүн чакыралы деп жатабыз, - дегенде Кумарбек анын колун силкип жиберди.

- Ушул кебетеңиз менен кантип дитиңиз барды, кызыңыздай немени аялдыкка зордоп алгансыз да, Саадат макул болмок эмес. Азыр кетип калыңыз, болбосо милиция чакырып, абийириңизди төгөм!

- Ачууланба, жигит, атың ким? - Арстанбек токтоо аны жайгармак болду.

- Атымды эмне кыласыз, кетип калыңыз, азыр атамдар келет, бекерден ур-тепкиге каласыз. Сиздин бечаралыгыңызга боорум ооруйт, токто-токто, сизди бир жерден көргөндөй болуп турам, сиз… сиз кызматчы көпөстөрдөнсүз го, эсиргенде кызынын кызындайларга тузак таштаган, белгилүү эле адамсыз го, өңүңүз тааныш учурап жатат, көрүп жүргөндөймүн, - деп кайдан көргөнүн так биле албай кызыктай абалда калды. Арстанбек:

- Болуптур, жигит, мен бара берейин, кыскасы Саадат өзү мени издеп келет, ошондо жолугабыз, - деди да, сыр билгизбей чыга жөнөдү. Ал бул жерде ыр-чыр болушун каалабады, чынында агасы экен деп ойлоду.

- Экинчи бул жерге келчү болбо, Саадатты унут! - деп артынан кыйкырган Кумарбек алапайын таппай көпкө кыжынып жатты. - Эн-неңди, карасаң уялбай колуктум дегенин, кантип ушуга барды, алдаган экен да, эмнеге-эмнеге макул болуп тийип алдың деги, Саада-ат, ай Саадат, акылыңдан адаштыңбы??? - деп муштумун түйө дубалды муштап-муштап алды. - Деги адамдар эмне болуп баратат? - Аңгыча медайым кирип:

- Күйөөсү келдиби? - деп сурады.

- Жок, - деди Кумарбек дулдуя.

- Келсе айтып коюңуз, укол дарыларга кеткен чыгымдарды эсептешип койсун.

- Жарайт, - деп Саадаттын жанына отурду. - Саадат, көзүңдү ач, сенин жаңылганыңды көрүп туруп басып кете албайм… - Ошол кезде Саадат көзүн ачып:

- Мм... м-мен кайдамын? - деди.

- Саадат, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Сен кайдан келдиң, мен кайдамын, Кумарбек? - Башын көтөрө өйдө болуп келатып кайра башын мыкчый жатып калды.

- Эмне болду, жакшы элесиңби?

- Башым айланып кетти.

- Тынч жат, мен тамак алып келгем, ичесиңби, Саадат? - Саадат үстүнө үйрүлүп түшүп турган жигитке тике карай албай көзүн ала качты.

- Жо-ок, жүрөгүмө барбайт.

- Азыраак ичип алсаң.

- Жок, Кумарбек, мен эмне болуп биякка келдим?

- Билбейм, өзүңдү жоготуп койдуң, коркуп алып келдим.

- Кетишим керек, саат канча болду?

- Сен азыр ооруп турасың, бүгүнчө жатышың керек.

- Жок, кетем, - деп эптеп өйдө болуп кийимин түздөп, чачтарын ирээтке келтирип жатканда медайым кирип келди.

- Сизге турууга болбойт, чоң кыз, тынч жатыңыз.

- Мен жакшы элемин, үйгө кетишим керек, издеп калышат.

- Жана күйөөңүз чалган, азыр келип калышы мүмкүн, - деп медайым жылмая карады. - Күйөөңүз келгенче жата туруңуз, врачка кирип чыксын.

- Кантип, ме-ен…

- Кабатыр болбоңуз, - деп кан басымын текшерип коюп, медайым чыгып кетти.

- Саадат, неге жашырдың? - Кумарбек Саадаттын маңдайына келип көздөрүнө тигилди. - Сен неге өзүңдү-өзүң алдап жүрөсүң?

- Кумарбек, мени жайыма кой, мен өз тагдырымды өзүм чечүүгө акылуумун! - Саадат терс бурула терезеге келип, сыртты карап калды.

- Саадат, сен өз макулдуң менен чыккан эмессиң, туурабы, мен күйөөңдү… - Ошол маалда Арстанбек кирип келди.

- Сүйүктүүм, сага эмне болду, угуп алып коркуп кеттим, этият болбойт белең, бир жакка баргың келсе өзүм алып бармакмын, - деп Саадатка жетип, кучактап чекесинен өбө керебетке алып келди. - Эс ал, жаным, мен врач менен сүйлөшүп келейин, анан үйгө алып кетебиз, - дегенде Кумарбек:

- Эч жакка барбайт, сен анын башын айлантпа! - деп алдын тосо калды. - Саадат сени менен эч жакка кетпейт!

- Жигит, - деген Арстанбек Саадатты карады. - Сүйүктүүм, бул жигит ким экенин билсем болобу?

- Мен Саадаттын агасы болом, дагы эмнени билгиңиз келет, дал ушул мүнөттөн баштап анын жанына жолобоңуз!

- Кайнагага каяша жок.

- Кумарбек…

- Саадат, сен өзүңдү басынтпа, али жыйырмага чыкпай жатып, картаң кишинин колун кармаганың болбойт, жаш айрымаңар ата-баладай болуп турса, өмүр бою муну менен ээрчишип өтмөксүңбү? - Кумарбек аны эки карысынан силкилдетип ушуларды айтты. - Айтчы, Саадат, бирдеме десеңчи, ушунуң туурабы?

- Кумарбек экенсиң да, - деди Арстанбек, анан жигитти силке өзүнө каратты, ал сезимталдыгы менен алардын ага-карындаш эмес экенин көз караштарынан, сөздөрүнөн байкап калган. - Жигит, мындан ары куулугуңду токтотуп, өз жолуң менен бол, бирөөнүн жашоосуна кийлигишкенди токтот, андан көрө үйүңө бар да, апаңдын даярдаган буламыгын жеп ал!

- Уятсыз, сакалдуу башың менен кызыңдай неменин бактысына балта чапканың эмнең? Саадатты жайына кой, андан көрө кемпириңдин маңдайына барып, белиңди ушалат! - деп Кумарбек кызуулана ага тирелише калганда Саадат ортого түштү.

- Кумарбек, жетишет ушунуңар, мени жайыма коюп өз жолуң менен кет, бул жер урушуп-талаша турган жер эмес, бар үйүңө!

- Саадат!

- Болду, эчтекени укпайм, сүйлөбө мага, кудай жалгагыр, кетчи бул жерден!

- Саадат, өкүнүп каласың, ушундайда баш тартсаңчы, Саадат, - деп Кумарбек тызылдап жатканда врач кирди.

- Биерде эмне болуп жатат, оорулууга тынчтык керек деп жалгыз палатага койсок, силер келип тынчын аласыңар.

- Кечиресиз. - Кумарбек ачуусу менен жулкуна басып чыгып кетти.

- Дарыгер, мен аялымды алып кете берсем болобу, биздин үй тынч, баары ойдогудай, өзүмдү жакшы сезип калдым деп жатат, - деп Арстанбек врачка кайрылды.

- Тилекке каршы өтө жакшы эмес, көп ойлонууга, капаланууга болбойт, азыр тамырын көрөйүнчү, - деп отура калып, Саадаттын күрөө тамырына колун койду, анан Арстанбекке карады. - Коркунучтуу эч нерсе жок, ошентсе да этият болушу керек, алып кете бериңиз, мына бул дарыларды ичиши керек, - деди. Арстанбек баш ийкей жылмайды:

- Рахмат сизге, ишиңизге ийгилик!

- Эч нерсе эмес.

- Жүрү эмесе, Саадат, үйгө кетели.

- Макул, - деп Саадат анын артынан басты, сыртка чыккандан кийин унаасына отуруп, жолго чыгышты.

- Кайда бардың эле? - Арстанбек Саадатка кайрылды.

- Агама жолукмакмын…

- Жолуктуңбу анан?

- Жок, анын телефон номурун жоготуп койдум.

- Эчтеке эмес, анчалык болсо жолугабыз, жанагы жигитти кайдан тааныйсың?

- Ал менин айылдашым, - деп калп айтып койду Саадат.

- Аа-а, демек сага ашык, - Кытмырлана кызганычы күчөп турса да өзүн кармап, үйүнө келишти. Саадат өз бөлмөсүнө кирип кетмек болгондо Арстанбек аны кармап калды. - Биз мындан ары бул бөлмөдө болобуз.

- Мен сизге даяр эмесмин деп айткан элем го?

- Жарайт-жарайт, бирок чындыкты айтып жүр, башыңды алса да чындык менен алсын, калп менен өзүңдү коргобой эле каралап аласың, жигитиң болгон да ээ?

- Жигитим эмес, тааныш элебиз.

- Түшүндүм дейли, бирок сезимиң өчө элек да?

- ...

- Макул, кайдагыны айтып мени да, өзүңдү да кыйнабай жатып эс ал, тамактанасыңбы?

- Жок. - Саадат күңкүлдөй ары басып этти.

- Макул, жата бер, - деп Арстанбек кала берди. Саадат бөлмөсүндө отуруп ыйлап алды. "Туура айтат, мен өзүмдү да, аны да кыйнап жатам. Кумарбек эмне болду экен, кайда кетип калды? Андан кечирим сурашым керек, ошондон кийин гана жаным тынч алып, аны менен байланышты үзөм, дайнымды билбегендей кылам", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Эртеси Кумарбек ооруканага келип Саадатты таппай калды. "Саадат, неге картаң кишиге тийип алдың, сенин кадырыңа жетээр бекен ошол, кандайча жолугуп калдың экен? Мен сени чын жүрөгүмдөн сүйүп калбадым беле, атаңдай кишини ээрчип кеткидей жаныңа эмне күч келди экен, сени ал как баш алдаган экен го", - деп ооруканадан чыгып баратып телефонун терди. Өчүрүлгөнүн билгенде жанын койоорго жер таппай, кайра-кайра чалса да өчүрүлгөнүн кайталап какшап жатты оператор. Башын жерге салып, чоң жолдо максатсыз кете берди. Бул кезде Саадатты үйүнө алып барып, Жаркынга дайындаган Арстанбек жумушуна кетти. Саадат: "Мен жаңылдым, эми артка жол жок, Кумарбекке бекер жолугупмун, ал мени сүйөт тура. Аттиң, мен тагдырымды өзүм чечтим, ушуга өзүм күнөөлүүмүн, эми кандай болсо да чыдабаска аргам жок", - деп көз жашы томолонуп жаздыкка сиңип, армандын күүсүн чертип жүрөгү комуз кылындай дирилдеп жатты.

- Кызым, көп ойлонбой жүр, оорукчан болуп каласың, оорукчан болсоң эч кимге керегиң жок болуп калат, күйөөңө дагы, бир тууганыңа да, ата-энеңе дагы. Күйүп-бышып кейигендери менен алардын жаны башка, азапты бир гана өзүң тартасың, тура гой, бирдеме ичип ал, кызым, - деп Жаркын тамак алып келди.

- Жүрөгүмө эч нерсе барбай турат.

- Антпей ичип ал, садага, өзүңдү-өзүң карма.

- Кантип, эжеке, кантип, жүрөгүм өрттөнүп баратпайбы, канткенде басам ал өрттү, кантип унутам болгон ишти, өмүрүмдү өзүм гана бейпайга салдым, өзүмдөн башка эч ким күнөөлүү эмес! - Саадат буркурап ийди. - Мен акылсыз экенмин, арсыз экенмин көрсө!

- Андай дебе, кагылайын, жаш кезде, токтоло элек мас кезде баары боло берет, бу дүйнө кайгы менен кубанычтан куралган, кайгынын артында кубанычы бар. Бир күнү маңдай жарыла сүйүнөсүң, күлкүнүн артында ыйы болот, заматта ачык турган асманга булут айланып, нөшөрлөп жамгыр төккөндөй көз жашка муунуп, адам баласы жашоонун оомал-төкмөлүнө каниет кылып өтө берет, өтүп келген. Ошондой, кызым, - деп Жаркынай акыл-насаат айтып жатты, солуктаган Саадатка азыр анын айткан акылы кирмек да эмес, айрымасы жер менен көктөй. Оюна бирдеме келип, телефонун жандырды, Кумарбектин он жолу чалганын көрдү, Арстанбек дагы чалыптыр. Ошол убакта дароо Арстанбектин номери чыкты, чалып жатат, алгысы келбей жатып анан алды. Зымдын аркы башынан кабатырланган Арстанбектин үнүн эшитти:

- Алло, Саадат, акыбалың кандай, тамак-аш ичип жатасыңбы, эмнеге телефонуңду өчүрүп койдуң, коркутуп жибердиң, аз жерден ишимди таштап үйгө жөнөгөнү калдым эле.

- Жакшы элемин, уктап жаткам.

- Эркем, ачка болбо, бирдеме ичип алчы, жарайбы, жарыгым? Мен эки-үч сааттан кийин барам, экөөбүз бир жакшы жерге барып тамактанабыз, ага чейин сен кардыңды ачырбай ичип тур, жарайбы?

- Жарайт.

- Бетиңден сүйдүм, берекем.

- Мм… - Телефон өчүрүлдү, Саадат Арстанбекти эстеп жийиркенип алды. "Каргыш алган как баш десе, убалым уктатпасын", - деп биринчи жолу анын койнунда энеден туума жылаңач калган күнү көз алдына келди, тамак менен бирге вино ичкенин эстеди. "Шүмшүк, бирдеме кошуп койгон окшойт, бир-эки куюм виного анчалык эсимди жоготмок эмесмин, атайылаган экен", - деп жини келе ызасына чыдабай көз жашын кайрадан төгүп ийди. Жаркындын чыгып кеткенин да байкабай калган эле. Бир топто барып өзүн-өзү кармап сооронду да, жуунуп келип, өзүн ирээтке келтирди. Телефон чырылдаганынан караса, Кумарбек чалып жатыптыр, албады, кайра-кайра чырылдай берип, акыры тим болду. "Үмүтүн үзсүн, менин эми ага керегим да жок, билбесин дедим эле, эми ага эмне демекмин, алданып калдым деймби, же окууга шартым жок, ата-энемдин алсыздыгынан макул болдум деймби, жо-ок эми аны менен көрүшпөйм", - деп ойлонуп отурганда чоочун номер менен чыгып калды: "Агам да менин номурумду билбейт, бул ким болду экен, Арстанбек менен Кумарбектен башка эч ким билчү эмес эле?" - деп ала койсо, бир кыздын үнү угулду. Үн чыгарбай тыңшап калды:

- Алло, Саадат, угуп жатасыңбы, мен Тынармын, Саадат, сүйлөбөйсүңбү… Кандайсың, курбум?

- Алло, Тынар, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?..

- Баары жакшы, Саадат, жолукпайлыбы, сен кайдасың, мен баягы батирдемин, эгерде бош болсоң мага кел.

- Тынар, бош эмесмин, убактым жок.

- Качан бошойсуң, менде жаңылыктар көп, курбум.

- Бош болгондо өзүм чалам, менин телефонумду кайдан алдың?

- Кумарбектен алгамын, көп болду, баса Кумарбек менен жолугуп жатасыңбы?

- Жок.

- Эмнеге?

- Убактым жок, жакында экзамен.

- Аа-а, анда Элдар болуп бир күнү эс алып келбейлиби?

- Тынар, мага таарынбачы ээ, менин такыр убактым жок, макул анда, өзүм чалам, - деп Саадат телефонун өчүрө салды. Эшиктен Арстанбектин кирип келе жатканы угулду.

- Оо берекем менин, эркетайым, ал-акыбалың дуруспу? - деп келип бооруна кысып, кучактап калды. - Кана, эркетайым, кайда баралы?

- Эч жакка, үйдөн эле тамактаналы.

- Жок-жок, болбойт, сенин көңүлүңдү ачкым келет, сага жаккандын баарын жасагым келет, эркем.

- Мага үйдө гана тамактануу жагат.

- Саадат, кабатыр болбочу, мени кыйнабачы.

- А сиз кыйналбаңыз, сизди кыйнайын деген оюм жок.

- Укчу мени, Саадат, бир айдай болуп калды го, эми баарын башынан баштасак болот, аялым болсо кеткен, экөөбүз бактылуу өмүр сүрөбүз, балалуу да болобуз. Сен менин үйүмдүн куту болуп бер, балдарыма эне бол, эркем. Сени ханышанын керебетиндей керебетке жаткырып коюп, бала баккыч жалдайм, сен эчтеке жасабай гана телевизор көрүп, күзгүдөн каранып отурасың, менин маңдайымда жапжаш бойдон гана жүрө бересиң, - деп аймалап кирди. Саадат анын эркинде болду, мурункудай боюн ала качпады, тек жаздыкка жөлөнүп алып буркурап ыйлап жатты. Ал болгон арман-кайгысын көз жашы менен төгүп, жаштыгы менен коштошуп, белгисиз жашоо дөңгөлөгүнө ороло, кайдадыр сапарга чыгып жаткандай туюлду. Арстанбек да үндөбөй калды. "Мейли, бугун чыгарып алсын, жаш неменин моюн сунуусу оңой болбойт, чыдап жеңип чыгышым керек. Каргыш алган жанагы жигити да телефондон көңүлүн азгырган сөздөрдү айтып жатат окшойт, шашпа сени аяксыз жоготпосом элеби", - деп кучактап тура берди. Өпкө-өпкөсүнө батпай солуктаган Саадат көптө барып зорго басылды да, кучагынан бошонуп спальныйга отуруп калды…

Тынар бардар үй-бүлөдө чоңойгон, мектепти бүтүп жатканда апасы катуу оорудан каза болуп калган. Кыркы өтөөрү менен эле атасынын жаш келинге үйлөнүп алганы кызга катуу тийип, үйдөн чыгып кеткен, ошол бойдон кээ-кээде гана барат. Барганда дагы акча керек болгондо гана атасын эстейт. Бүгүн дагы кечинде келди. Үйдө эң кичүүсү болгондуктан атасы аны жакшы көрүп, айтканын аткарчу. Уулу үйлөнүп өзүнчө турат, улуу кызы күйөөдө. Сапарбек кеч күүгүмдө кирип келген кызын кучактап, чекесинен өөп:

- Кызым, кандай келдиң, акыбалдарың дуруспу, секелегим? - деди жанына отургузуп. - Отур, кызым, кардың ачпы?

- Карды ачып, акча керек болгондо келгендир, - деди аялы Сонунбү кыртышы сүйбөгөнүн билдиргендей.

- Сиздикин алганым жок, атамдыкы меники, кызганбай жөн болуңузчу! - Тынар тирмиңдей айтыша кетмек болгондо Сапарбек аны тыйды.

- Кантет, бала немеге теңелип, келсе келет, керегин алат, анда эмне болмок эле? Сонун, сага эмне жетишпейт, кыз балага акча керек болот да, кана, тамак жасачы, кызымды коноктоп койолу.

- Мындай кыздар иштеп өзүн-өзү багып, ал тургай ата-энесин кошо багып жатпайбы. Качан болсо батириме, кийимиме деп акча сурап басып жүрөт, өзүң жаман көндүрдүң да. Жыйырмага чыгып калды, күйөөгө тийип кетсе өзүнө дурус болмок, - деп Сонунбү тултуңдай чыныга чай куюп сунду. - Же иштен, же башкадан жок жүргөндөн көрө күйөөгө чыгып, орун-очок алып алсаң болмок, өз энеси деле ушуну айтмак.

- Мени эмне кыласыз, өзүм билем!

- Кызым, сен унчукпай тур. Сонун, мен Тынарга шаардан бир бөлмө үй алып берип келсем окшойт, ырасында кызым батирлеп жүрүп кыйналып кетти. Келерки жылы окууга киргизем, макулбу, кызым? - деп Тынарды мээримдүү карады.

- Атакем менин, чын эле үй алып бересизби, жакшы болмок, окууга дагы кирем, - деди Тынар атасынын мойнуна асылып, эки бетинен өөп кубана. - Менин алтын атакем, сизди жакшы көрөм, ата!

- Айла-анайын кызым, сени кантип томсортуп коймок элем, буйруса эмки жумада шаарга барып, үй таап алабыз, макулбу?

- Макул, ата.

- Үй алып бер, күйөө да сатып бер, депутат же бир кызматчы болгондо укмуш болмок экенсиңер.

- Депутат да мендей эле адам, болгону креслосу артык, аларда жүрөк жок, жалаң байлык, кызмат, кресло үчүн жүзүнө парда тагып алып, уят-сыйытты унутуп коюшат, абийирди унутат. Жалаң ач көздүк жан дүйнөсүн ээлеп алган, жүрөгү таш болуп катып калган алардын, бизде мээрим, абийир менен уят-сыйыт бар, Сонун.

- Болуптур, каалаганыңды кыл, өзүң айткандай менин эмнем кетмек эле, ма-а десең особняк алып бер! - деп аялы силкине эшикке чыгып кеткенде Тынар бирдеме демек болду эле Сапарбек аны тыйып койду.

- Унчукпай эле кой, кызым, ачууланса кайра эле жазылып кетет, кек сактабайт, мен сени өзүм жакшы көрөм, кызым, үй алып беремин да, келээрки жылда окууга өткөрөм.

- Рахмат, ата, менин сүйүктүү атакем. - Тынар атасына эреркей ыйлап ийди. - Апам эмнеге эрте кетип калды, ата, эмнеге өлүм калды?

- Сабыр кыл, кызым, адамдар жаралат, өлөт, жашоо ошентип улана берет, бирөөлөр жакын адамын жоготуп ыйлап жатса, бирөөлөр жар күтүп, дагы бири наристелүү болуп кубаныч-кайгы катарлаш жүрөт, кызым. Бул жашоо мыйзамы, баарына түшүнүү менен карап кабыл алыш керек, ошону үчүн биз пендебиз да, садагам кызым, капаланба, апаң абдан жакшы адам болчу, эгерде тиги дүйнөнүн баары чын болсо ал байкуш бейиште чыгаар.

- Сиз апамдын барында эле мына бул аял менен жүрдүңүз беле, ата, апамды сүйгөн эмес белеңиз?

- Тынар, кызым ай, дале баласың да. - Ошол убакта Сонунбү кирди. - Сен тамагыңды ичип бөлмөңө бара тур, апаң жаңы тамак асып койду, ал бышканча эс ала бер, - деди Сапарбек ыңгайсыздана. Тынар туруп өзүнүн балалыгы өткөн бөлмөгө кирип, апасынын өзүн эркелетип жатып уктатчу кездерин ойлоп, ыйлап кирди. Ал атасы үйлөнгөн кезде бир жеңесинин сөзүн угуп калган. Сөөктү койоорго жакын боз үйдөн чыгып өз бөлмөсүнө кирип келе жатса: "Абам мурда эле жеңемди жактырчу эмес экен, тиги аял кубанып калгандыр, анткени талашаары жок, ээн-эркин колуна тийет да, абам эми аны алып алат чыгаар, бирөө өлбөсө бирөөгө бакыт жок дешет го", - деген Алымкан жеңесинин сөзү кулагына шак эле дей түшкөн. Ошондуктан атасы үйлөнгөндө тургусу келбеди, ушул чынбы деп да сурай албады. Буулугуп көпкө ыйлады, анан томсоро көз жашынын тактары жүзүнө туруп калса да аарчыгысы келбей мелтиреп жатканда Сапарбек кирди.

- Ата, сен мага жооп берген жоксуң, сен ушул аялды сүйүп жүрүп алсаң апам санаадан эле өлгөндүр ээ, кантип төрт бала төрөгөн аялдан эле башка аял көзүңө жакшы көрүндү экен, ата, айтчы мага?! - деп өйдө болуп кургай элек жашын салаалата атасынын көздөрүнө тигилди.

- Кызым, кызым, сен али жашсың, мен айткан менен түшүнө албайсың, садага, апаңды мен сүйчүмүн, ал мени сүйгөн эмес, мени менен жыйырма жыл анын денеси гана жашап, жан дүйнөсү, жүрөгү башка жакта болду, - деп Сапарбек оор күрсүнө кызын жанына отурду. - Мен эмес апаң мени сүйгөн эмес, кызым.

- Кантип, анан эмне болуп үйлөндүңөр эле?

- Мен сага башынан айтып берейин, кызым. - Сапарбек ойлуу өткөн өмүрүн көз алдына келтире сөзүн улантты. - Мен жаңы эле аскерден келген кезим болчу, Айтурган мектепти бүтүп үйүндө жүргөн экен. Көчөдөн балдар менен жүрүп эле жактырып калдым, досторума айтсам жигити бар анын, сага болоор бекен дегенине карабай жолукканга аракет кылып жүрүп, акыры жолуктум да сезимимди билдирдим. Айтурган мага:

- Убара болбоңуз, жигитим бар, - деп терс бурулду.

- Кызда жигит болбой коймокпу, ашыктык ага болмокпу, күйүктүм сага, жаш сулуу, ким токтотот бойдокту, - деп алдын тостум. Ал мени жаман көзү менен карап:

- Бойдок болсоң ары бар, сулуу кыздар дагы бар, теңиңди издеп таап ал, менин жүрөгүмдүн ээси бар, - деп түртө басып кетти, мен артынан калбадым.

- Алмайынча тынбаймын, сөзүңдү, сулуу, укпаймын, ала качып алсам мен, мени да сүйүп каласың.

- Сүйүү дейсиң кайсыны, ала көөдөк окшойсуң, жүрөгүмдүн ээсине, жете албайсың байкап жүр, сүйүүнү билбейт окшойсуң?

- Сүйүү деген азгырат да тоздурат, жүрөгүңдү кайгы басып оорутат, макул боло койбосоң, ала качам колтуктап, - деп жете келип колтуктан алдым, ал менин колумду силкип ийип жүгүрүп кетти. Досторум мени байкап калышыптыр, ал кетээри менен эле тегеректеп калышты:

- Айтургандын жүрөгүнө кире алдыңбы?

- Ай ал Тургундан башканы карабайт го?

- Ошону айтсаң, анан дагы Тургун экөө быйыл үйлөнөт экен, ата-энеси даярдык көрүп жатышат.

- Элдин баары ал экөөнү Олжобай менен Кишимжан дешет, экөө таеже-жээн экен, - дешип бакылдап жатышты. Мен аларга жиним келип:

- Болду, токтоткула, бай болгурлар, мени шакаба кылгыңар келеби? - дедим эле унчукпай калышты. - Эгерде Айтурганды ала албасам жигит өлүмүндө кетейин! - деп мен алардан кетип калдым. Үйгө келип ата-энеме үйлөнөөрүмдү айтсам, кимдин кызы, кай жерлик дешсе да айтпай койдум. Акыры аңдып отуруп, аны ала качып келдим. Айтурган отурбай үч күн кыйнады, ошондо атасы келип, атама жолукту да кайра кетти, эмне дегенин билген жокмун. Атам эл сыйлаган кадырлуу, колунда бар киши болчу, ошондон болсо керек деп ойлойм, келиндерин жөнөтүп: "Отурбай турган болсо Тургун экөө тең көзүмө көрүнбөсүн", - деген экен, ыйлап-сыктап отуруп калган. Ошондо Тургун дароо угуп жетип келет беле ким билсин, бирок кийин ал бактылуу болсун деп тим болуптур, - деп Сапарбек үшкүрүп алды.

- Тургун акеби? - Тынар көзүн алайта суроолуу атасына тигилди.

- Акең эмес, бөлөң болот, ал апаңдын бир тууган эжесинин баласы болчу, жээни экен…

- Ошол, апамды…

- Ооба, кызым, экөө бири-бирин катуу сүйгөн экен, Тургун ошол бойдон үйлөнбөй калды, өткөндө апаңдын мүрзөсүнө барсам бирөө жаңы эле гүл коюп кеткен экен, Тургун экенин сездим…

- Демек сизде күнөө жок экен да?

- Кайдагы күнөө, кызым, апаң менин бар-жогум менен иши да болчу эмес, кайда бардың, эмне кылып жүрөсүң деп бир жолу сурабады, мен намыс деп экөөнө кошуп, өзүмдү да бактысыз кылганымды кеч түшүндүм. Көрсө Тургунду ойлоп жүрүп ал шордуунун жүрөгү зилдеп кетиптир…

- Балким жөн ооругандыр?

- Жүрөк көп санаадан гана ооруйт, кызым, кийин мен Сонунбүгө жолуктум, ал мени сүйдү, экөөбүздүн ортобузда бир бала болгон, чарчап калды, - деп Сапарбек ордунан турду. - Апаңдын жүрөгүндө өмүр бою мен эмес башка адам жашаганын билгенде ызаланып ошого бардым, кыркын өткөрүп, бат эле үйлөнүп алдым, - деп сууртмадан эскирген блокнот алып чыгып, Тынарга берди. - Муну окусаң өзүң түшүнөсүң, кызым. - Шарт бурулуп бөлмөдөн чыгып кетти. Кичинекей блокнот, аябай катылганы билинип турат, аны аяр ачып апасынын жаш кездеги сүрөтү менен Тургундун жаш кезиндеги сүрөтүн көрдү. Эки чекесине байчечекейдин сүрөтүн тартып кооздоп коюптур, жүрөктүн бир чети Айтургандын, бир чети Тургундун жүрөк тушунан өтүп: "Экөөбүз эки башка, жүрөгүбүз бир кагат, өмүр өтүп өткөнчө унутулбайт, сакталат, биз жашайбыз түбөлүккө сүйүшүп, кандай адам бөлө алат, ажыратып койо алат", - деп кызыл сыя менен жазылыптыр. Андан ары ыр түрүндө:

Бир өмүр бирге болсок жоктур арман,

Тең келе албас сүйүүбүзгө чексиз аалам.

Эгерде капысынан ажырасак,

Селсаяктай жер кезээрбиз эки жактан.

Дүнүйөдө сүйүүлөр бар кайталанбас,

Дал ошол биздин сүйүү күчү кайтпас.

Кокустан кимдир бирөө бизди бөлсө,

Каргыш урсун! Кесел болуп эч айыкпас! - Тынар таңгала окуп жатып: "Кызык, уйкашпаса да жазып коюптур, бири-бирин ушундай сүйгөндөр болот экен да", - деп ойлой кийинки бетин ачты. "Мен абдан бактылуумун, эл эмне десе ошо десин, Тургунду сүйгөнүм үчүн башымды дарга асса да кайылмын. Деги мени андан эч ким бөлбөсө экен. Сүйүү ушунчалык сыйкырлуу сезим окшойт, кандай болуп сүйүп калганымды да билбей калдым, жанынан чыккым келбейт, атамдардан уялам, болбосо карыш жылгым келбейт. Тургун дагы ошентет дайыма, анткени ал да мени мен сүйгөндөй сүйөт", - деп жыл-айынан бери жазып коюптур.

"Мен сүйгөнүмө жетпей калдым, менин тирүү бирок, жансыз денемди кучактап жата берсин Сапарбек, а менин жүрөгүм башка жакта, денеден бөлүнүп көк түтүнгө айланган адам жанындай каалгып учуп, ээн талаа, эрме чөлдү кезип, ааламды кыдырып, сүйгөнүмдү издеп келем. Мен өлгөн кушмун, тарпым талаада калса да, жаным жан шеригимди, шерттешкен адамымды издеп жүрөт, мен эки дүйнөнүн ортосунда жүргөн элесмин…".

"Бүгүн Сапарбек жок, анын келгенинен келбегени дурус болоор эле, эмне тапты ал менден? Өлүү денемден башка эч нерсе… тулкумду гана бердим, жан-дүйнөм жанчылып Тургунумду эстеген сайын көз жашымды төккөнүмдү ал кайдан билсин".

"Мен эне болдум, аял эне болгондо сүйүүсү балага өтүп кетет дешет го, ал жалган экен, уулумду карап отуруп, атасы Тургун болгондо эмне деп өкүнүп, өлүү денем бир силкинип алды. Жараткан ай, дүйнөдөгү эч нерсеге алмашкыс, өлбөс-өчпөс, кайталанбас сүйүү бердиң эле мага, бирок үзүрүн көрө албадым. Балама алаксыганда бир азга кадимки пенде катары бактылуу болуп кетем, бирок жүрөк толтосундагы катылган кайгы-касиретим көлөкөдөй ээрчип, Тургун эсиме түшкөндө алапайымды таппай, жылаңаяк-жылаңбаш ээн талаага жүгүрүп кетким келет. Тургунду ошо бойдон көрбөй калдым, өткөндө бөлөмдөн кат жазып берип ийиптир, өлгөн жаным тириле түшкөндөй болду… Ал өмүрү өткөнчө үйлөнбөй өтөм деп жазыптыр, окуп алып жүрөгүм сыздады, аттиң арман, бизди бөлгөн адамга каргыш!" Тынар андан аркысын окугусу келбей атасына боору ооруду. "Жыйырма жыл деген кандай гана узак, ушунча жыл өзүн сүйбөгөн адам менен жашап, бизге окшогон балдарды өстүрүп, чоңойтконун кара. Апа, апаке, кандай мерез жан элең?" - деп эң башындагы кош сүрөттү тигиле карап отуруп, Тургунду жек көрүп кетти. "Ушунчалык ардактаган адамың ушул беле, апа, атамдан айырмасы деле жок го, неге атама бир жолу сүйүүң болбосо мээримиңди төгүп, балдарыңдын атасы катары карабадың, апа?" - деп муңкана ыйлап турду. Эгерде тирүүсүндө билип калса кантет эле, өлгөн энесин каргай да, тилдей да албады, анткени өзү деле бала эмеспи.

- Тынар, тамак даяр, келе гой, кызым, - деген атасынын үнүнөн ойлору чачкындай көз жашын аарчып, өзүн көңүлдүүдөй алып чыкты.

- Ата, кардым ток эле, эмнеге чакырдың?

- Окудуңбу? - деди акырын, Сонунбү сырткы бөлмөдө жүргөн.

- Окугум келбеди…

- Эчтеке эмес, бул дүйнөдө эң бактылуу адам апаң экен, эми ойлонуп көрсөм.

- Эмнеге, кантип?

- Мындай сүйүү ар бир эле адамга бериле бербейт.

- Сүйүү-мүйүүсү жок жашаса болбойбу?

- Сүйүүсүз жашагандар миң-миңдеп саналат, айтылып калчу, жүрөктө сакталчу сүйүүнү ыйык дешет, кызым, сага дагы бакыт менен бирге сүйүүнүн келишин каалайм.

- Койчу, ата.

- Койбой эле, - деп Сапарбек кызын эркелете мурдунан чымчып койду. - Сени күйөөгө берсем көңүлүм тынчып калат эле, эжең жакшы жерде, агаң да ойдогудай жашап жатат, орун таба элек сен калдың.

- Өткөндө тиги Эмилбек сөз кылганда өзүң укмаксан болуп, сыртыңды салып койбодуңбу, баласы жакшы жигит, өзүң бергиң келбейт да, - деп Сонунбү кирип келе жатып сөзгө аралашты. Бул жолу Тынар ага үндөгөн жок, кайра: "Атамды сүйүп, сыйлаган аялды мен да сыйлашым керек, экинчи урушпайм, апам болбосо да атамдын жанында болоор ушул гана, биз баарыбыз өз-өзүбүзчө кетет экенбиз, жашай берсин", - деген ойдо болду. Тамактанып болгондон кийин өз бөлмөсүнө кирип, блокнотту алды. Биринчи бетиндеги апасынын сүрөтүн карап отуруп, анан ичин ачкысы келбей кийим салган шифонердин сууртмасынын төр жагына салып койду. "Сүйүп көрдүм беле, мен калп эле Элдарды сүйөм деп жүргөн окшоймун, же мурункулардын сүйүүсү ошончолук күчтүү болчу беле, эмнеге атамды апам өлгөнчө жакшы көрбөй койду экен?" - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Эртең менен туруп келе жатып, атасы менен өгөй энеси экөөнүн кажы-кужу болгонун угуп калды.

- Койсоңчу, Сонун, балдардын көңүлүн калтырууга болбойт, башкалары өз жолу менен кетти, эң кенжем Тынар, анын айтканын бербесек болбойт, кийим-кече алып алсын.

- Өз оюна коюп, каалаганын аткарып турсаң күйөөгө да тийбейт, андан көрө Эмилбектин баласына бер, аялы дагы айтып жатат, силердин кызыңарга куда түшөлү дедик эле деп.

- Ой, аны Тынар жактырбасачы, кызымдын көз жашы, убалы кимге, өзү каалаганга барсын, баласынын жаны жокпу, барып жолугуп сүйлөшпөйбү!

- Кызык эле адамсың, Сапарбек, кызың шаардын кайсы бурчунда жүргөнүн ал кайдан билмек эле, же үйгө келгенде бир-эки күн болбой кайра эле кетип калат. Мен эле Тынарга жамандык каалайт дейсиңби, тынып-тынчып калсын деген эле оюм, - деп Сонунбү сөзүн жумшак бүтүрдү.

- Кой, байбиче, кызым өзү каалаганга чыксын, ага чейин каалаганын берем, эмки жумада үй алып бербесем болбойт, кыз кишинин батирлеп жүргөнү жарабайт, үстүндө үйү болсо анан жумушту да таап алаар.

- Иште деп жаткан ким, үйдө жүрө берсе деле куда болчулар четинен чыкмак, - деди Сонунбү. "Эмнеге эле мени күйөөгө бере албай жатат, ага эмне кызык, мен күйөөгө тийгенде пайдасы канча?" - деп Тынар ойлуу эшикке чыгып кетти. Аны көрүп тигилер унчукпай калышты. Ошол эле күнү Тынар атасынан беш миң сом алды да, шаарга баса берди. Келип Элдарга чалса, ал бош эмес экенин айтты. "Демек, ал мени сүйбөйт, мен чыныгы сүйүүгө кабылгым келет, кандай болуп келет сүйүү деген?" - деп жини келип отуруп калды. Ошол убакта ага Кумарбек чалып, жолуккусу келгенин айтты.

Кумарбек Тынар аркылуу Саадат менен сүйлөшсөмбү деп ага чалган эле. Тынар ал айткан жерге жетип келди, бул кафеде Элдар болуп бир нече ирет отурушкан. Кумарбек чыдамы кете күтүп жаткан, аны көрүп эле утурлай басты:

- Салам, Тынар, кандайсың?

- Жакшы, кандайча телефон чалып калдың?

- Бир иш болуп калды, сен Саадат менен сүйлөшүп ушул жерге чакырчы, Тынар.

- Эмнеге, таарыныша кеттиңерби? - Тынар сынай сурады, бирок ал Саадаттын күйөөгө тийгенин билген эмес. - Сен чалсаң албай жатабы?

- Ооба, сенин жардамың керек.

- Макул, - деп Тынар Саадаттын номурун издей баштады. - Саадатка өзүм дагы чалайын деп жаткам.

- Качан сүйлөштүң эле?

- Бир жума болуп калды го.

- Жакшы эле сүйлөштүбү?

- Баягыдай эле сүйлөшкөнбүз, а эмне болуптур, алло, Саадат, кандайсың? - деди Тынар. Арытадан Саадаттын чарчаңкы үнү угулду:

- Жакшы, өзүң кандай, Тынар?

- Эң сонун, Саадат, жолукпайлыбы?

- Жок, убактым жок.

- Эмнеге?

- Бүгүн эмес.

- Баягыда дагы ошенткенсиң, деги качан колуң бошойт?

- Өзүм айтам, Тынар, таарынбай турчу, - деп Саадат телефонун өчүрө салды. Тынар ийин куушура Кумарбекти карап койду:

- Өчүрүп салды.

- Анда анын абалы начар…

- Эмнеге?

- Тынар, сен билбейсиң да, ал өзүнөн улуу кишиге күйөөгө тийип алыптыр…

- Эмне-е?!

- Ошол, ал эмнеге ушуга барды, Тынар, мен эч нерсеге түшүнө албай калдым, - деп Кумарбек ары-бери басып алапайын таппай жатты, Тынар болсо уккан кулагына ишенбей, айтаар сөзүнүн да баш-аягын таппай, Кумарбекти жалдырап карап тура берди. - Тынар, айтчы, сен байлык үчүн картаң кишиге тийет белең?

- Кызык, мен ишене албай турам, Саадат ырас эле ошентиптирби?

- Жалган айтып эмне кылам, Тынар, ал эмнеге ушуга барды?

- Мен кайдан билем, мүмкүн эмес, балким ал жетишпегенден ошого баргандыр, ата-энесинин колунда жогуна өчөшүп ошенткендир…

- Ошондо дагы гүлгүндөй бир өмүрүн картаң киши менен өткөрүүгө бел байлаганы эмнеси? Мен аны ойлоп, атам менен апама ал жөнүндө айтып да койгомун, мындай болоорун билсем эч жакка чыгарбайт элем… - Башын мыкчып отура калып, тура калып беймазаланганын көргөндө Тынар: "Кызык, сүйүү деген ушулбу, Кумарбек Саадатты катуу сүйүп калган го, эмне үчүн мени сүйгөн адам жок? Элдар менин сезимим менен гана ойноп жүрөт, сүйсө мындай болбойт эле. Тобо-о, Саадат эмнеге картаң кишиге тийет, балким ал Кумарбекти сүйбөгөндүктөн жалган эле айтып койгондур, үмүтүн үзгүсү келгендир" - деп селдейип турганда Кумарбек башын жерге салып, ыйлап жаткан.

- Кумарбек, айтчы, Саадат чын эле күйөөгө чыгыптырбы? - деп акырын жанына келип ийинине колун койду. - Балким жалгандыр?

- Өз көзүм менен көрдүм, Тынар, көрбөгөндө ишенбейт элем. Ал өз эрки менен тийген эмес, аргасыздыгын көздөрүнөн сездим, бир нерсе бар, ага жардам бериш керек, анын акыбалы оор… - Өйдө болуп Тынарды аянычтуу карады. - Дагы бир жолу чалсаң, курбу катары сенин убактың болбосо мен барайын дечи, - деп жалдырап жиберди.

- Сен Саадатты ушунчалык жакшы көрөсүңбү, катуу сүйүп калдыңбы?

- Тынар, азыр сүйүү жөнүндө сүйлөй турган убакыт эмес, ага сөзсүз жардам керек, кандай болсо да ал адамдан бошотуп алыш керек. Аны карап тамашалап күлгөндөй болбой, теңтуштук жардамыбызды көрсөтүшүбүз керек, уктуңбу, Тынар?

- Уктум, азыр телефон чалайын, - деп Тынар Саадаттын номурун терип, телефонун кулагына такай тыңшап калды. Бир кезде:

- Алло, Тынар, угуп жатам, - деген Саадаттын үнү угулду.

- Саадат, жашаган жериңди айтчы, зарыл сөз бар эле, сага жолугуп сүйлөшпөсөм бук болуп кеттим, канчадан бери жолугуша элекпиз го?

- Тынар, эртең эле түшкө чейин жолугалы, анткени мен шаардын четиндемин, алыс жашайм. Макулбу, Тынар, эртең саат ондордо Ош базарына кел, мен Кыялдын жанында болом.

- Ыраспы, чын элеби, Саадат, бирок мен аябай жаман болуп турам, бүгүн жолукканыбызда болмок…

- Эч кабатыр болбо, курбум, мен сөзсүз барам, бирок бир-эки саатка гана, андан ашык убактым жок, - деп Саадат ыңгайсыздана күлгөн болду.

- Жарайт, эртеңге чейин чыдайын, - деп Тынар дагы күлө телефонун өчүрүп, Кумарбекке карады. - Мына, баары чечилди, эртең бир жолугушуу уюштуруша турган болдукпу?

- Ал келгенде мени көрсө кетем деп чыкпаса болду, ошондуктан аны ай-буйга келтирбей таптакыр алып кетиш керек!

- Кайда, каерге алып кетебиз, Кумарбек?

- Мен ата-энем менен сүйлөшөм.

- Жинди болбо, адегенде мен сырын тартып көрөйүн, сен таптакыр ага көрүнбө, - деп экөө эртеңки жолугушууну макулдашып жатышты. Кумарбек кыжаалат болуп турса да Тынарга ыраазы болуп, тамактанып отурганда Элдарга чалды. Ал азыр барам деди эле экөө аны күтүп отурушту. Жарым сааттай убакыт өткөндө шаңыраңдап Элдар кирип келди.

- Ох-хо, көргөн көзүмө ишенбей турам, силер качантан бери менсиз жолугушуп жүрөсүңөр? - деп Кумарбек менен алакан чаба учурашты, анан Тынар менен өбүшө бош орундукка отурду. - Кандайсыңар анан?

- Эмне, кызганып кеттиңби? - Тынар Элдарды сынай карады.

- Кызганганым жок, бирок экөөңө таңгалып турам.

- Таң калба, зарыл иш бар.

- Кандай зарыл иш? - Элдар экөөнү алмак-салмак карады.

- Эртең колуң бошпу?

- Албетте, бошмун.

- Анда эртеңкиге тоого чыгууга даярдык көрүүбүз керек, - деп Тынар болгон ишти айтып берди.

- Кандайча, Саадат кантип эле?..

- Ошондой, аны катуу кайтарышыбыз керек.

- Баса, атам эки-үч күндөн кийин келип, мага үй алып бермек болгон, ошого чейин сен көрүнбө, Кумарбек. Мен билмексен болуп эртең Саадатка жолуга берейин, эгерде сыр кылып өзү айтса чогулуп чечебиз, айтпай турган болсо анан өзүбүзчө кеңешип көрөлү. Балким өз эрки менен чыгып алган болсо, турмушун бузууга акыбыз жок!

- Чын эле, өзү айтпаса же өзү каалаган болсо кийлигишүүгө болбойт.

- Жок, анын аргасыз экенин даана сездим, ал капысынан кабылган, анда бир сыр бар. Баса, ал кишини адеп көргөндө кайдан көргөнүмдү эстей албай көпкө ойлондум, көрсө ал жанагы телевидениеде иштеген киши экен.

- Эмне, кайсы?

- Үй-бүлөлүк берүү бар го?

- Чын элеби, ой ал болсо көп аял алган имиш, бир-эки ай жашап эле ажыраша берет экен, накта карышкырдын чеңгээлине түшкөн экен да, - деп Тынар эбиреп-жебиреп кирди. - Сен аны кайдан көрүп жүрөсүң?

- Көргөмүн, ал тургай урушкамын, Саадаттан алыс жүр дегем.

- Ой сен Саадатты сүйүп калган жоксуңбу? - Элдар Кумарбекти жылмая карады. - Сүйгөн күндө деле эми эмне кереги бар, биринчи түнүн бир чалга арнап койсо.

- Элдар, анын кыздыгы же башкасы эмес, мага анын өзү керек билсең, анын тагдыры талкалынып калганын көрүп туруп, кантип кайдыгер карамак элем? Ата-энеси, бир туугандары билбей жаткан болуу керек, ошондуктан көп кечиктирбей Саадатты ал как баштан сууруп алышыбыз керек, силер мага жардам бергиле.

- Ошондо сен аны андан ажыратып алып, өзүң аласыңбы? - Элдар дагы эле шакабалагандай мылжыя таңдайын так эттирип койду. Кумарбектин жини келе ордунан тура калып, Элдарды жакасынан алып өйдө кылды:

- Сен мага доссуңбу же душмансыңбы?!

- Тамашаны көтөрө албайсыңбы, дос, жөн эле айта салдым го, албетте досуңмун.

- Анда мындай суроону мага экинчи бербе!

- Жарайт, Тынар экөөбүз сага сөзсүз жардам беребиз, туурабы, Тынар? - деп Элдар ылжыя Тынарды карады.

- Албетте, Саадат менин курбум, өзүм жакшылап сүйлөшкөндөн кийин ал жолдон кайтарууга аракет кылам, анчалыкка барба, Кумарбек, ачууңду тый, бул жерде эл көп, силер түшүнүктүү эле жигиттер эмессиңерби.

- Болуптур, Тынар, мен сенден билип турам, сөзсүз Саадат менен жолугуп сүйлөшкөнүңдү мага айтып кой, - деди да, Кумарбек эсептешип коюп, чыгып кетти.

- Соо эмес го бул, Саадатты акылынан аша сүйгөн го? - Элдар анын артынан карап туруп, баш чайкап койду. - Бул эки оюн ойноп жаткан жокпу, сени менен да жолугуп, аны менен да…

- Элдар, эсиң менен болчу, Кумарбек андайлардан эмес, мага атайын ошону кеңешейин деп чалыптыр, балким аны акылынан азганча сүйүп калгандыр…

- Сүйүү деп, койсоңчу, Тынар, сүйүү деген жазуучулардын кооз сөздөрүндө, акындардын ырларында гана жазылчу керемет делинген куру сөз, жашоодо андай нерсе жок, болбойт дагы! - Элдар колун шилтей официантканы чакырып арак алып келүүсүн өтүндү. - Махабат дегениң жомоктордо гана жашачу икая! - Муштумун түйө ызырынып, Кумарбектин өзүн жакалаганына ызалангандай түр көрсөттү.

- Элдар, сен сүйүп көрө элексиң, сүйүү келе элек сага, ошондуктан сен аны түшүнбөй жатасың. Андан көрө айтчы, алгачкы түнү боздоп ыйлаганыма карабай үйлөнөм дедиң эле, эми менден кача баштадың, мунуңду кандай деп түшүнсө болот?

- Менден башкага жолой элексиңби андан бери? - деп стаканга арактан куюп жутуп ийип, Тынарды кытмыр күлө караганда Тынар туруп келип, жаакка бир чапты:

- Сенин мындайыңды билсем жаныңа жоломок эмесмин!

- Эй, сен эмне жинди болдуңбу, мага ишендиң беле ыя? - Ого бетер ырсалактап күлө берди.

- Акмак, убалым жетсин сага, ылайым көчөдө кал! - Тынар ызалана кафеден чыгып кетти. Элдар үстөлдү бир урду да, калган аракты ичип алып, анын артынан чыкты.

- Тынар, Тынар дейм, токтой турчу!

- Жогол көзүмө көрүнбөй, - деп Тынар ыйлап бараткан калыбында кыйкырды, артына бурулган да жок. - Сага ишенген мен акмак, мени сүйөт экен дегем, көрсө адамдын кадыр-баркын билбеген, көңүл ооруганын сезбеген адам экенсиң да, адамдык сапаты жок акмак! - деп өзүнчө сүйлөнүп баратканда Элдар жетип, карыдан алып токтотту.

- Тынар, кечир мени, ыйлап жатасыңбы, койчу, Тынар, мени кечирчи, бай болгур, Кумарбекке ачуум келип турбады беле, сени капа кылып койдум, токто, мен сени жеткирип койойун.

- Кереги жок, эми сени желкемдин чуңкуру көрсүн!

- Тынар дейм, токтосоң эми, керек болсо азыр алып кетем сени, эмне ушунчалык эле көңүлүң калдыбы, эмнеге Кумарбек экөө менсиз жолугушту деп, сени кызганып да кетпедимби, ишенчи мага, Тынар.

- Кызганыппы, сен мени Кумарбектен кызгандыңбы, Элдар, Кумарбек сен ойлогондой бала эмес, өз досуна арамдык жасай турган ою да жок анын, эгерде андай болсо эмдигиче билинмек. Саадатты катуу сүйүп калыптыр, анын чоң кишиге тийип алганын көрүп, өз алапайын таппай менден курбусу катары суранды, кеңеш сурады. Сен болсо кайдагыны айтып анын да, менин да жүрөгүмдү ооруттуң, ушундайыңды мурда сезгенимде жаныңда болмок тургай тааныгым келмек эмес! - деп жаштуу көздөрү менен жек көрө карап, колун силкип ийип, басып кетти.

- Тынар, кечир дедим го, экинчи жолу досумду да, сени да капа кылбайм, убада берем, эгерде сен макул десең Кумарбектен телефон аркылуу кечирим сурайын, кандай дейсиң, Тынар?

- Ал сенин жолдошуң, кечирим сурайсыңбы өзүң бил!

- Тынар!

- Кош, Элдар, мен сен ойлогондой көчөдө жүргөн кыз эмесмин! - Тынар ылдамдай басып кетип калды. Элдар аны узата карап кала берди. "Мен чын эле адамдар менен сүйлөшкөндү билбейм, Тынарды жакшы көрөм, бирок мойнума алгым келбейт. Кумарбекке Тынарды мага чейин эле бузулган кыз экен деп койгомун, эгер аны укса ал мени менен сүйлөшпөйт дагы, бетиме түкүрөөрү бышык. Кой, мен алардан кечирим сурашым керек", - деп башын жерге сала унаасына келип отурду. Кумарбекке телефон чалса, ал көпкө чейин албай жатып алды:

- Эмне керек сага, дагы тажаткан шакабаңды уккум келбейт! - деп өчүрүп салды.

- Кумарбек, - деген бойдон Элдар тү-үт, тү-үт деген гудокту тыңшап туруп, кайра чалды.

- Эмне? - деди Кумарбек ороңдой.

- Кумарбек, мени кечир, дос, катуу кетип калдым, туура эмес кылганым үчүн кечир, дос, жолугалы бир жерден, сүйлөшөлү…

- Эртең, бүгүн убактым жок, ооруган жүрөктү жалгыз гана дабалоого болот, эң башкысы өз айыбыңды сезгениң эң сонун. Адам дүйнөдө жалгыз өзү гана эмес башкалардын дагы бар экенин сезиши керек, көңүл калтыруу өлтүрүүдөн да оор…

- Кечир, досум, мен сага жолукканда дагы бир жаңылыштыгымды айтышым керек, балким ошондо дагы менден жүзүңдү буруп кетээрсиң, бирок мени түшүнөсүң деп ойлойм.

- Болуптур, кездешкенче.

- Макул. - Элдар телефон өчкөндөн кийин жеңилдегендей ийин көтөрө оор дем алып, Тынарга кат жазып кирди. "Тынар, сүйүктүүм менин, кечир мени, мен жүрөгүмдү тыңшап укканды билчү эмесмин, бирок азыр сен таштап кеткенде гана сени чындап сүйөөрүмдү билдим. Көрсө эркелик абдан жаман тура, апамдар мени ымыркайымда багып алып, ушул кезге чейин каалаганымды аткарып, көзүмдүн агы мен айланып турса, менден өткөн кыйын жок деп, дердеңдеп жүрө берипмин… Билесиңби, мен эң алгач ата-энем өзүмдүкү эмес экенин билгенде жинди болуп кете жаздагам, анан акырындап өзүмдү токтоттум. Менин ал-абалымды байкаган атам менен энем чындыкты айтканда кандай гана ыйлаганымды көрсөң… Ооба, мени төрөгөн энем студент болуптур, жигити таштап кетип, мени төрөөгө аргасыз болгону менен багууга чамасы жетпесе керек, ошентип мен бейтааныш адамдардын колунда өз ата-энемди билбей өстүм. Кээде адамдардын баарын жек көрүп кетем, себеби көрүнгөн эле аял же эркек сенин атаңмын, энеңмин деп айтып ийе тургандай сезиле берет, ошондуктан да ургаачы калкын жек көрөм… Көрсө...", - деп ушу жерден бүтүрдү. Муну окуган Тынар ойлонуп отуруп: "Мени сен акмак деп ойлойсуң го, жаңыласың, Элдар. Эми сен экөөбүз кездешпейбиз, ал эми сенин тагдырың өкүнөөрлүк экен, ылайым каталык кетирбегенге тырышып жаша. Өз тагдырың өзүңө чоң сабак экен демекчимин, жубатаар сөз айталбаганым үчүн кечир", - деп жооп жөнөтүп ийди. Эртеси Тынар менен Саадат болжошкон жерден жолугушуп, ал-абал сурашып турду. Саадаттын кийген кийимдеринин кымбат баалуулугун көрүп, баягыдан да келбеттүү көрүнүп калганына чынында ичи тарый түштү Тынардын.

- Такыр байланышпай кеттиң, жолукпаганыбызга канча болду, кандай иштин башында болуп жатасың, көрүнүшүң жаман эмес, - деп курбусун сынай карап, жооп күттү.

- Иш чачтан көп, Тынар, өзүң кандайсың, Элдар экөөңөр жолугушуп жатасыңарбы?

- Жок, таарыныша кеттик.

- Өкүнүчтүү.

- Ал сөз көтөрө албайт, менимче өтө жеңил ойлуу.

- Кантип билдиң?

- Байкайм да, билсең бир жылдан бери биргебиз, үйлөнөм дегенин эми айтпай да калды, кыязы алдап эле жүрсө керек.

- Толук билбей туруп, эмнеге макул болдуң анан?

- Сен өзүң каалаган адамыңдан аянат белең? - Тынар ага суроолуу тигилди. - Мен аны жактырып калгам, Саадат, анан дагы ал мени ишендирген, үйлөнөм деген.

- Балким бири-бириңди түшүнүшпөй жаткан чыгаарсыңар?

- Билбейм, Саадат, сен мага жооп бербедиң?

- Эмне…

- Өзүң каалаган адамыңдан аянат белең дегениме.

- Аа-а, - деп Саадат ойлуу отуруп калды, эмне деп жооп берээрин билбей какай түштү. - Ошол ойду башыма келтирген эмесмин…

- Кайда жашап жатасың, эгерде оор болуп жатса, мен жакында үйлүү болом, мени менен бирге турсаң болот.

- Жо-жок, азыр жашаган жерим жайлуу, баары ойдогудай.

- Демек, келбейм дегениңби?

- Ошондой, эжемди тапкам, чогуу турабыз.

- Чынбы?

- Чын. - Саадат курбусунан көзүн ала качты.

- Көздөрүң башкача айтып турат, Саадат, сен менден бир нерсени жашырып турасың, айтчы ачыгыңды, биз курбубуз го, бири-бирибизден сыр жашырууга болобу? - Тынар анын көздөрүнө тике карады. - Ырас, сен экөөбүз жакында эле тааныштык, бирок мен сенден сыр жашырган жокмун, жакшы курбулардын болобуз деген оюм бар.

- Тынар, кечир мени, мен сенден кайсы сырымды жашырам, өзүң ойлочу менде кандай сыр бар деп ойлойсуң, же жүзүмдө жазылып турабы? - Саадат күлүмсүрөй карады, күлүүгө аракет кылды, бирок жүрөгүндөгү арманы, айыкпас дарт сыяктуу жүрөгүн өйүп турган санаасы анын жүзүн сумсайтып турду. - Сен экөөбүздүн табышканыбызга жарым жыл гана болду, бирок мен дагы сени канчадан бери бирге жүргөн курбумдай көрөм, ошондуктан сенден кыпындай дагы сыр ката албайм.

- Макул, курбум, өз айланаңда болуп жатканды айткың келбесе өзүң бил.

- Таарынбай турчу, Тынар, чын эле бир аз өзүмө келип алайын, сен мени такып, кысмакка албай койо тур, сага баарын-баарын айтып берем, - деп жаркылдай күлүп ийди ушул кезде Саадат. - Сенден жашыраар сырым жок!

- Алтышка десе, ушундай болоорун билгемин, сен менден эчтеке жашыра албайсың. - Экөө кучакташып калышты. Андан кийин Саадат өзү тамак алды, экөө отуруп бир бөтөлкө жакшы винодон ичишти. Мында дагы сыр бербеген Саадат коштошуп, үйүнө жөнөдү.

"Ушунчалык дагы бекем адам болот экен да, эмне сыры бар, картаң кишиге кандайча байланып калды? Кызык, мурункудан да сулуу, көрктүү болуп кетиптир, колунда акчасы бар экен, демек чын эле бай адамга чыгып алган тура. Ал киши өтө улуу болуш керек эле, үч эсе чоң болуш керек, кандайча ага макул болду экен?" - деп Тынар ойлуу батирине кетип баратканда чөнтөк телефону чырылдап калды. Караса атасы экен.

- Ата, кандайсыз, жакшы жатасыңарбы? - дегенде трубкадан Сапарбек:

- Кызым, кайдасың, мен шаардамын - деди барпалаңдай.

- Оо-ой ата, келип калдыңызбы, азыр жетем, кайдасыз?

- Автобекеттемин.

- Азыр барам, - деген Тынар шашыла Батыш бекетине жөнөдү. Атасы экөө батирине келип, ал күнү сүйлөшүп отурушту.

- Кызым, сага этаж үйдөн эле алып берейин ээ?

- Макул, ата, мага чын эле үй алып бересизби? - Тынар кубанычтуу карады.

- Ооба, кызым, айткандан кийин аткарам да.

- Анда эртең эрте чыгалыбы?

- Ооба, кызым, адегенде үй сатылчу жарыяларды карайлы, ошондо оңой болот. Жакын жерде күркө барбы, гезит алып кел.

- Бир бөлмөлүү үйлөр абдан кымбат болуш керек, канча алып келдиңиз?

- Жыйырма миң доллар.

- Ой-ий, малды бүт саткансыз го?

- Жылкыдан бешти саттым, калганы жетет, сени келээрки жылы бир уй сатып окутуп койсом, анан жеңилдеп калам.

- Койчу, ата, мага карыздар сыяктуу айтасың да.

- Ата-эне балдары алдында карыздар эмес, милдеттүү, кызым, сен турмушка чыкканча менин карамагымдасың. Раматылык апаң өлөөрдө катуу айтып, табыштап кеткен, ошондуктан сен үчүн баарын жасоого акылуумун, - деди Сапарбек ойлуу.

- Кокус апам айтпаса карабайт белең, ата? - Тынар күлө карады.

- Андай дебе, кызым, тек апаңдын керээзин айттым да, өзүмдүн супсулуу кызымды батирден батир кыдыртпайын деп ойлодум.

- А тиги эже каршы болгон жокпу?

- Кызым, ал өз энеңдей болбосо да мен үчүн апа дешиң керек, ал силерге каршы чыкпайт, сени күйөөгө чыгып тынып калсын деп өз апаң дагы айтмак, ойломок, кызым, анын баласы жок…

- Мурда күйөөсүнөн төрөбөптүрбү?

- Жок, бир арманы бар, ошону гана көп айтат.

- Кандай арман экен ал?

- Ачык айтпайт, бирок аны сен билбей эле кой, - деп Сапарбек сөзүн башкага бурду. - Кызым, апаң жогунан экөөбүз ачык сүйлөшүп көнгөнбүз, эжең болсо алыста, айда-жылда бир келет, жакын жерге чык десек болбой Тогуз-Торого тийип кетти. Эми сен жакыныраак бол, сүйлөшкөн жигитиң барбы?

- Ата-а, - Тынар эркелей уялганынан жер карады.

- Уялба, кызым, силердин келечек бактыңар мен үчүн өтө зарыл, бактылуу болсоңор менин дагы көңүлүм тынып, тынч өмүр сүрөм.

- Ата, азыр эрте го, окуп калсам бүтүрүүгө туура келет, шашпай ойлоноормун, - деп атасынан жүзүн ала качып тура калды. - Мен чай койойунчу.

- Ашканадан эле тамактанбайлыбы, кызым?

- Макул анда, - деди Тынар кубана. Экөө бир аздан кийин батирге жакын жердеги ашканадан тамактанып, кайра келип жатып калышты. Ошол түнү Тынар түнү бою кирпик какпай ойлонуп чыкты. "Мен атамдын жүзүн карайттым, кокус Элдар үйлөнбөсө кантем, башка бирөөгө барсам баары ачыкка чыгып абийирим төгүлөт. Атам кандай абалда калат, агамчы, андан көрө эч ким биле электе өлүп калганым артык", - деп ыйлап чыкты. Эртеси чай ичип алып, гезиттерден үй сатылчу жарыяларды карап, бир топ жерге телефон чалып көрүштү. Акыры Орто-Сай базарынын айланасынан сатыла турган бир үйгө барышып, эси менен соодалашып жатып, он сегиз миң долларга бир бөлмө үйдү алмак болушту. Сапарбек калганын Тынарга тапшырып коюп, үйүнө кетти. Эки миң долларга Тынар үй эмеректери менен керектүү буюмдарын алып, кубанычы койнуна сыйбай Саадатка телефон чалды.

- Алло, Тынар, кандай жаңылык бар? - деди ал алаары менен.

- Жаңылык көп, сүйүнчү, атам мага бир бөлмөлүү үй алып берди, эми менде баары бар, кел, менин үйүмө конок болуп кетчи!

- Куттуктайм, кубанычыңа тең ортокмун, курбум, бүгүн бара албайм, эртең сөзсүз барам, макулбу?

- Макул анда, келериңде телефон чалсаң, өзүм тосуп алам.

- Мен агама айтып, бир күнгө суранайын, шашпай сүйлөшөбүз, сырдашабыз, курбум.

- Эң сонун, мен сени күтөм, көрүшкөнчө, Саадат, - деп так секирип алды. - Ур-ра, менин курбум алтын, келем деди, эми Элдар менен Кумарбекке чалайын, - деп өзүнчө эле кубанычтуу кыңылдап, телефонунан номерлерди издеп, адегенде Элдарга андан кийин Кумарбекке чалды. Алар дагы куттуктап, келээрин айтышты. Үйүн кооздоп жасап, тамак-ашын даярдап, эртеңки отурушка катуу камынып жатты. Бирок кечке маал Элдар чалып ага келе жатканын билдирип, дарегин сураганда жолдон тосуп алам деп жиберип, кайра оозун баса калды. "Мен Элдарга таарынып жүрбөдүм беле, эмнеге аны чакырдым, ай ушу такыр көпкө таарына албаганым жаман да. Эми эмне дейм, өзүм чакырганым туура эмес болуп калды, эмне деп ойлоду экен?" - деп ойлонуп көпкө отурду. Ошол кезде Элдар чалды, аргасыз дарегин айтып, тосуп алды. Элдар унаасынан түшүп эле Тынарды кучактай эки бетинен өөп:

- Кандайсың, жаным? - деди күлүмсүрөй. - Кечир мени, өзүңдү таарынтып алып, жаман кыйналдым, кана, кай жакка кеттик?

- Машинеңди кайда койосуң?

- Жакынбы?

- Мына, бул кабат үйдө.

- Анда азыр, - деп Элдар машинесин четке чыгарып токтотту да, колуна эки чоң пакетти көтөрүп, жөнөп калды.

- Мунуң эмне? - Тынар таңгала сурады.

- Сенин үйүңдү жууйбуз, атайын келген киши куру келмек беле, дагы башка жашыруун жаңылыгым бар, - деп кайрыла күлүп коюп, алдыда басып баратты. - Кемчилигимди жууп, алдыңда кечирим сурашым керек.

- Ашыкча сөздүн эмне кереги бар, Элдар, биз жөн гана досторбуз, эң башкы себеп - Саадаттын тагдырын чечүү.

- Түшүнөм-түшүнөм, жаным, иши кылса сенин жаныңда болсом болду, башкасына кайылмын, - деп кетип баратканда Тынар тамашалай:

- Жакшы бар, мен биякка кеттим, - деп подъездге кайрылды. Элдар кайра бурулуп:

- Сенден калбай калайын, - деди купшуңдай. - Канчанчы кабат?

- Экинчи.

- Жарайт. - Экөө ээрчише ичкери киришти.

- Ох-хо-о, кут болсун үйүң! - деди Элдар босогодон аттай берип.

- Рахмат, - деп жылмайды Тынар.

- Кана эмесе, Тынар, мен үйүңдү көрүндүк берип көрөйүн, антпесе болбойт, кыргызымдын улуу салты ушундай.

- Картайып жүз жыл жашап койгондой сүйлөйсүң да тим эле.

- Баары бир кыргыз кулунумун да, - деп колуна миң сом карматты. - Бул жөн гана ырым, жаным, аныгын эртең Кумарбек экөөбүз алып келебиз.

- Эмне, мен силерди көрүндүк берсин деп чакырыптырмынбы? - Тынар ыңгайсыз абалда калды. - Мындайыңарды билгенде айтмак эмесмин.

- Тынар, сен эмнеге таарынасың, биз өз милдетибизди кылабыз, анын эч нерсеси жок, таарынганың туура эмес, - деди Элдар бут кийимин чечип жатып. Анан залга кирип, дасторкон үстүндөгү жайнаган тамак-ашты көргөндө Элдар өзүнчө кымыңдап алды. "Демек, дурус аял болот, бекер капа кылып алдым, мендей таштандыга мындан артык аял тиймек беле, сүйөрүмдү деле сезип турам", - деп ойлонуп турганда Тынар:

- Элдар, төргө өт, чай ичебиз, - деп калды.

- Азыр, - деп колундагы баштыктарын отургучка койо салып, жумшак диванга жайланышып отурду. Бөлмөдөгү эмеректерди көрүп таңгалды. "Демек, ата-энеси бай турат экен да, мындай кыздан баш тартууга болбойт", - деп ойлоп алды. - Сен атаңдын сүйүктүү кызы болсоң керек, Тынар.

- Ошондой, агам менен эжем өз-өзүнчө кеткен, мен эң кенжесимин, атам мени жакшы көрөт.

- Апаңчы? - дегенде Тынардын кабагы бүркөлө түштү.

- Эмнеге капа болдуң, эмне, туура эмес сүйлөп койдумбу?

- Элдар, менин апам жок, ал балким көктөгү жылдыздардын арасындадыр, балким куш болуп сүйүүсүн жоктоп учуп кеткендир… Өгөй апамды болсо жаман көрөм.

- Кечир, Тынар, мен билген жокмун…

- Эчтеке эмес, адамдар жаралат, өлөт…

- Капа болбочу, жаным, сени капа кылып алдым окшойт? - деп Элдар Тынардын жанына келип, кучактап өптү. - Кечир, кечиресиңби мени?

- Кечирдим, таарынчымды унутуп, чалып албаганымда менин кайда экенимди таппай калмаксың.

- Чын элеби?

- Чын, сени менен урушканымды унутуп кубанганымдан чалып алганымды байкабай калыпмын.

- Ошондо мени таптакыр таштамаксыңбы?

- Биздин ортобузду ансыз дагы сүйлөшө турган эч нерсе жок.

- Тынар, биздин мамиле эми гана башталат, мен жаңылганымды сени таарынтып алгандан кийин түшүндүм. Көрсө, мен эркеликтин айнынан өзүмдү бир кудайга теңеп жүрүпмүн, жашоо, келечек жөнүндө ойлогон да эмес экенмин. Ошондон кийин гана өзүмдүн акмактыгымды сездим, аялдардын баары эле менин таштап кеткен апам сыяктуу көрүнүп, аларды жек көрүп, өзүм үчүн өч алгым келчү. Ошентсем мени таштаган аял өкүнүп кала тургандай, башкалар балдарын таштабай калчудай туюлган.

- Элдар, сен сөздү башкага бурбай менден эмне күтөөрүңдү айт, анткени аябай чарчадым, эс алышым керек, а сен жарыкта өз үйүңө бар!

- Мен эч кайда кетпейм, Тынар, сага айта турган жаңылыгым бар дедим го. Сен кетип калганда үйгө барып, ата-энеме айтсам алар кубанып, келинибизди алып кел, же ата-энесине баралыбы деп жатпайбы. Анан мен дагы кубанганымдан эртеси барып эле мына бул шакекти алдым. - Элдар колундагы кутучаны ачып, Тынарга көрсөттү. - Айтчы, жаным, жагабы сага?

- Жакшы экен, мунун мага тиешеси канчалык?

- Жинди, бул сен үчүн, уктуңбу, Тынар? - Элдар шакекти Тынардын аты жогуна такмак болгондо ал колун тартып алды.

- Жинди болбо, Элдар!

- Эмне болду, сен ишенбей турасыңбы, бул сага, мага турмушка чыкчы, Тынар, суранам сенден!

- Элдар!

- Жообуңду күтөм, Тынар.

- Ойлонуш керек, жашоо оңой эмес, дароо эле чече койгондой жашоо оюнчук эмес да.

- Мен өмүрүм өткөнчө бир гана сен деп өмүр сүрөм, сөзүмө турам, Тынар, мага ишенчи, жаным Тынар! - Элдар тизелей калып, шакекти Тынарга сунду. - Менин өтүнүчүмдү, чын жүрөктөн чыккан ак сүйүүмдү кабыл алчы суранам!

- Элдар, мени ыңгайсыз абалга калтырдың, убакыт берчи мага!

- Күтө албайм, азыр кабыл ал суранам, эгер кабыл албасаң чыгып кетем, баккан ата-энеме дагы барбайм, мендей таштанды балага чыккың келбесе, баш оогон жакка кетем, Тынар!

- Муну менен мага эмне дегиң келет, же мени зордоп, коркуткуң келеби?

- Жок, сураныч кылам, өтүнөм, сени менен гана бактылуу боло алаарыма аз күн мурун көзүм жетти, суранычымды четке какпа! - деп тура калды да, шакекти Тынардын аты жогуна салды. - Кыз кишинин кылыгы бар болорун, сүйүп турса дагы сүйөм деп айтпасын билем, жаным, - деп жүзүнөн сүйдү. Бул жолу Тынар үндөгөн жок, тек күтүлбөгөн окуя аны дабдаарытып салды көрүнөт, ишенип-ишенбей тура берди. Анан Элдар өзү алып келген баштыктардын биринен импорт винону алып чыкты. - Бул бакыттын башталышын экөөбүз гана билгилейли деп алып алгамын, анда эмесе баштайлы! - деп күлө карады.

- Элдар...

- Үндөбө, жаным, мен бакыттын эмне экенин жаңы гана түшүнүп турам, бирок эч качан оюңа жаман алба, сени таштап кетпейм, атам кандай болгонун билбейм, бирок апам жакшы аял экенине көзүм жетип турат, - дегенде Тынар өзүн жаман абалда сезип:

- Элдар, ата-энеде эмне күнөө, алар жөнүндө сөз кылууга акыбыз жок, кандай болсо да алар бизди жарык дүйнөгө алып келген, - деди. - Менин атама да, энеме тагаар айыбым жок.

- Меники бар, эч кимге айталбай бук болуп келдим, эми мен ишенген, мени уга турган жан шеригим бар, бүгүн гана ал жөнүндө айтып калуум керек, мындан кийин ооз ачпайм.

- Болуптур. - Тынар колундагы шакекти ойлуу кармалап алды. "Чын эле Элдар мага үйлөнгүсү келеби?" - деп кубанганынан жүрөгү лакылдап турду, бирок сыртына чыгарган жок, күлүмсүрөй маңдайына отурду. Элдар винодон эки чыныга куюп, бирин Тынарга сунду:

- Келечек бактыбыз үчүн алып койолу ээ? - дегенде Тынар жөн гана баш ийкей күлүмсүрөп койду. - Сен менин жанымдын жартысы бол, Тынар, бул сөздөрдү үч күндөн бери даярдап келдим, кана алдыкпы?

- Алдык.

- Рахмат, Тынар, өткөн күндөрдө капа кылган болсом, баары үчүн дагы да кечирим сурайм, - деп Элдар Тынарды кучактап өөп койду. Экөө алгачкы жолу көрүшүп жаткандай узакка кучакташып турушту.

- Элдар.

- Оов, жаным.

- Сен чын эле мени сүйөсүңбү?

- Албетте, сени сүйөөрүмдү качан билдим айтайынбы?

- Ийи, айта бер.

- Баягыда сени таарынтып алганда.

- Ага чейинчи?

- Ага чейин чыны эч нерсе ойлобогом, бирок сени көргөндөн кийин эле жаныңдан чыккым келбей калчу, ажырагандан кийин кайра көргүм келчү. Мен сүйүү байкатпай келээрин билген эмесмин. Сенчи, Тынар?

- Мен дагы сүйүп көрө элекмин.

- Чын элеби?

- Ооба, чын айтам.

- Мени сүйүп калчы.

- Кантип? - Тынар наздана жылмайып койду.

- Ушинтип эле.

- Өзүңдү сүйдүрүү колуңдан келеби?

- Аракет кылам.

- Баса, Кумарбек Саадатты сүйүп калыптыр, анын күйөөсү бар, эмне болот эми?

- Кумарбек туура эмес кылып жатат.

- Эмнеге?

- Тынчын албашы керек, балким ал өз каалоосу менен эле чыгып алгандыр.

- Ошондой деп ойлойсуңбу?

- Анан эмне деш керек, эгерде каалабаса кетип калмак да, өз тагдырын өзү чечкенине караганда кары болсо да сүйүп калган, балким анын байлыгына кызыккандыр, себеби адамдардан баарын күтүүгө болот.

- Саадат андай кыздардан эмес эле, кандайча ошондой болуп кеткенин билбей калдым, эртең силер кеч келгиле, мен аны менен өзүмчө сүйлөшмөк болдум. Мен телефон чалганда гана келгиле, макулбу?

- Жарайт, жаным, мындан ары сен айткандай гана болот. Тамашасы жок, колуңдагы шакек менин колуктум экениңди билдирет, ошондуктан сен менин айтканыма каршы боло албайсың, мен сенин күйөөң катары мамиле кылам.

- Элда-ар.

- Укпайм, мен эми ата-энем менен сенин үйүңө барамын, сенин колуңду сурап барам.

- Качан?

- Сен айткан күнү. - Ошол убакта эшик тыкылдап калды, Тынар өзү барып ачса, жашы өтүп калган аял экен.

- Кызым, конуш жайлуу болсун, мен кошунаң болом, атым Алтынай.

- Рахмат, эже. Меники Тынар.

- Краным бузулуп калыптыр, жолдошуң болсо көрүп берсинчи, сантехник келгенче суу каптап кетмек болду.

- Аа-а... азыр, эже, - Тынар кайра Элдарга келди. - Элдар, сен кран оңдогонду билесиңби?

- Билем, эмне болду?

- Коңшунун кранын көрүп бере аласыңбы?

- Албетте, - деп Элдар тура калып, сыртка чыкты. Аны көргөн аял аңкая карап, эстен тана туруп калды, эки көзү Элдардан өтүп, өзүн жаман сезгендей болуп турганда: - Үйүңүз кайсынысы? - деди Элдар.

- Аа-а, мына бул, уулум, - деп аял тушундагы эшикти көрсөттү.

- Жүрүңүз анда, - деп Элдар ага кол жаңсап алдыга басты. Ага бейтааныш аялдын алайып караганы жакпады. Кранын оңдоп берип, жөнөмөк болгондо:

- Нан ооз тийчи, балам, кудай колуңа кубат берсин, - деп нан көтөрүп келди. - Кай жерликсиң?

- Чоң-Арыктан, шаарда турабыз.

- Жакшы экен, ким дегендин баласы болосуң?

- Кадырбектин.

- Аа-а, - деп аял супсуну сууй түшкөндөй болду.

- Күйөөңүз жок беле?

- Жалгыз жашайм.

- Балдарыңызчы?

- Балам жок.

- Кечириңиз, мен кетейин.

- Бара гой, уулум, чоң рахмат, атың ким?

- Элдар.

- Мени Алтынай эже десең болот, коңшу болуп калыппыз, мен мугалим болуп иштейм, башталгыч класстарынын мугалимимин.

- Жакшы экен, эже, жакшы калыңыз?

- Бакыт тилейм, уулум.

- Рахмат, - деп Элдар чыгып баратып артын караса, тиги аял дале өзүн карап босогодо туруптур.

- Оңдоп бердиңби? - деди Тынар ал кирээри менен.

- Ооба, бул аялды качантан бери тааныйсың?

- Азыр көрдүм.

- Таңгалыштуу аял экен, жалдырап карайт эле карайт.

- Жагып калгандырсың, - деп Тынар күлүп калды.

- Койсоңчу, энемдей болгон аялды башыма урамбы?

- Азыр мода болуп калбадыбы, колунда бар аялдар жаш жигиттерди киргизип алып, баласындай карашат, белгилүү аялдар деле өзүнөн он-он беш жаш кичүү эркектерди сүйдүм-күйдүм деп, сенсация кылып жатышпайбы?

- Кереги эмне, болду унут, болгону мени таңгалдырып койду, жалгыз жашайт экен, баласы жок тура.

- Ай-ий, ошондой бекен?

- Ооба, балким мени бирөөгө окшоштургандыр, бирок мага аянычтуу көрүндү.

- Жалгыз, баласы жок болсо кыйын экен.

- Чынында өкүнөөрлүк экен.

- Кел, тамак ичели, даяр болуп калды.

- Жарайт, жаным.

- Элдар, сен мындайыңды токтот, эчтеке боло электе "жаным, каным" дегениң кулакка жат угулат экен.

- Эмнеге, Тынар, мен сени өзүмдүк кылып алгамын, андан көрө сен буга көнүшүң керек.

- Кыстаба, Элдар, кеч болуп калды, машинеңди уурдатып ийбе.

- Бир көрүп келейинчи, - деп шашылыш чыгып кетип, бир топто кайра келди. Тынар төшөгүн салып жатып алган, ал күнү экөө бирге болушту. Эртеси Элдар эрте кетти, саат ондордо Саадат өзү телефон чалды, Тынар кубанып кетти:

- Саадат, кайдасың?

- Мен үйдөн чыгып жатам, кайда барайын?

- Орто-Сай базарына келсең, өзүм тосуп алам.

- Баратам анда.

- Күтөм, курбум, - деп Тынар үйүн жыйыштырып жатып, Элдардын берген шакегин карап жылмайып алды. "Мен дагы сени сүйөм, Элдар, атам кубанып калсын, айрыкча Сонунбүгө жакшы болот го, менден кутулуп калат. Мейли, бактылуу болсом болду, Элдар туруктуу күйөө боло алабы?" - деп ойлонуп турду.

Дал ошол кезде Элдар үйүнө барып, атасы менен энесине үйлөнөөрүн айтты, анан Кумарбекке телефон чалып, бир аздан кийин экөө сүйлөшүп отурушту.

- Элдар, сен бат эле ушунча өзгөрүп кеттиңби, Тынарга башкача көз карашта эмес белең? - деди Кумарбек ишене бербей.

- Досум, мен баарын ойлонуп койдум, чынында эле Тынарды сүйөт экенмин. Кечинде шакек салып келдим, жакында атамдар менен анын үйүнө барып, сөйкө салып келебиз, анан бат эле үйлөнөбүз.

- Куттуктайм, чын пейлиң менен үйлөнгүң келсе бакыт каалайм, досум, ара жолдо калтырбай турган бол.

- Койсоңчу, Кума, башканы өзүңдөн акылсыз деп билесиң, андан көрө ар бир адамды өзүңдөн өйдө көр, ошондо гана сен чыныгы адам болосуң. Ошондуктан сен мени түшүн, дос, андан көрө, айтчы, мени менен бирге барасыңбы?

- Кайда?

- Тынарга куда түшүп, сөйкө салганда.

- Албетте, барам, сенин айтканың эсиңдеби?

- Эмнени?

- Өзү бузулган кыз болчу деп, алып алгандан кийин орто жолдо калтырып жүрбө аны дагы, балким үйлүү болгону үчүн ошондой ойго келгендирсиң?

- Андай болбойт, үйүн эмес өзүн сүйөм, Кумаш, сен андай дебе.

- Дос катары Тынарды ыйлатпайм деп мага сөз бер.

- Берейин, а сен аны жактырып калгандан соосуңбу? - дегенде Кумарбек аны далыга бир чапты.

- Жамандын ою жаман, арамдын ою арам, мен сендей эмесмин!

- Эмне, сен койдон жоошсуңбу, же эрге тийген кыздарды тергеп-тескеп жүрө бергиң келеби?

- Элдар, экинчи мени досум дебе, сени менен экинчи бет карашпайм! - деп жөнөгөндө Элдар жер карап туруп калды, ал ого бетер Кумарбекке өчөшүп: "Эн-неңди, өзүн ашыкча акылдуумун деп ойлойт окшойт, демек Тынар экөө соо эмес, бир нерсе бар, кандай эле кыздарга боору ооруй калат, Саадатка деле боору ачыйт, бул соо эмес", - деп ойлоп алып, адегенде шашылыш Тынардын үйүнө барсамбы деп чыкты, анан кайра өз үйүнө жөнөдү. Кадырбек элүү бештердеги кара мурут, сулуучумак киши, аялы Саамай элүүгө чыга элек, толмочунан келген аял, бир кызы бар. Ушу Элдарды өз баласындай алчаңдатып алдына машина мингизип, колуна акча берип каалагандай өстүрүштү. Элдарды багып алгандан кийин бир кыз төрөп, андан кийин төрөгөн жок. Колдорунда бар, мурда экөө тең мугалим болчу, элдин шарына менен соода-сатыкка өткөнүнө көп болгон. Шаарда төрт-беш дүкөнү бар. Элдар киргенде экөө тең аны карап туруп калышты.

- Ата, мен үйлөнөм, - деди кирип келип эле.

- Жарайт, аны айткансың, качан үйлөнөсүң? - деди Кадырбек токтоо.

- Силер качан даяр болосуңар?

- Сен айткан күнү, уулум, кызга айттыңбы?

- Ооба.

- Дарегин алдыңбы?

- Жок, ал биякта, өзүм айтып койойунбу?

- Айта бер, биз даярбыз, кыз өзүңө жакса болду, ата-энеси бар бекен?

- Атасы бар, апасы өгөй экен.

- Мейли, сен жактырган соң биз макулбуз, эмки жумада бараарыбызды айтып кой.

- Жума күнүбү?

- Ооба, - деди Кадырбек, апаң даярданып койот, туугандарды айталы же бир жакшы кафеге эле чакырып, ошоерден салалы сөйкөнү, сен кандай дейсиң, уулум?

- Өзүңөр эле билгилечи, ата.

- Уулум, - деди Саамай, - кыз дурус эле кызбы, адегенде бизге кызды көрсөтсөң болот эле.

- Кандай кылып көрсөтөм, алып келейинби?

- Сен аны бир кафеге чакыр, биз атаң экөөбүз мындай эле көрүп чыгып кетебиз, жаныңарга барбайбыз.

- Макул анда, апа, эртең эле "Насип" кафесинде болобуз.

- Жарайсың, уулум, биз байкатпай кирип, кайра чыгып кетебиз, сүйлөштүкпү? - деди Кадырек дагы аялынын акылын туура көрүп.

- Сүйлөштүк, анда кеттим.

- Кайда барасың?

- Жумуштарым бар.

- Ой бала, досторуң барбы, күйөө жолдошко бир дурус жигит ээрчитишиң керек.

- Бар, ата, - деди да, Элдар Тынардын үйүнө жөнөдү, ал келгенде Тынар Саадатты күтүп жаткан.

- Ой сени кечке маал Кумарбек экөөңөр келгиле дебедим беле, Саадат сени көрсө сырын айтпай кетип калат, тез жөнө, бизге убакыт берчи, бай болгур, - деди кабатырлана.

- Кумарбек экөөңөр ага эмнеге кызыгып калдыңар, жайына эле койсоңор болбойбу?

- Элдар, балким ал аябай кыйналып жүргөндүр, эгерде анын жашоосу жайында болсо киришпейбиз, сен мени түшүнчү, мен Саадатты тосуп келгени кетип жатам, силер биз сүйлөшүп болгон кезде эч нерсе билбегендей келип калгыла.

- Тынар, адегенде өз ишибизди кеңешип алалычы, эмки жумада сенин үйүңө барабыз дейт атамдар, үйүңдүн дареги керек.

- Эмне, ошончо тезби? - Тынар аны таңгала карап калды. - Мен сага таңгалып турам, Элдар.

- Таңгалба, жаным, сен экөөбүз жашыруун жолугушуп жүрбөй бирге болобуз, - деп Тынарды кучактап өөп, күлүп койду. - Мен шашып жатам.

- Мен келээрки жылы окууга тапшырмакмын.

- Окуй бересиң, ага каршылыгым жок.

- Анан кечинде шашпай сүйлөшөлү ээ? - деп Тынар үйүн кулпулап жатканда телефону чырылдады. - Мына Саадат чалып жатат.

- Кеттик, мен сени жеткирип койом.

- Ой бул эле жерден күтүп алам, сен бара бер.

- Саадат өзү эле келеби?

- Ооба, азыр Кумарбек көрүнбөйт, өзүм сүйлөшөм.

- Макул анда, - деп экөө тепкичтен түшүп келе жатканда алдынан Алтынай чыкты, ал Элдарды жал-жал карап:

- Кандайсыңар, коңшулар? - деп жылмаып туруп калды.

- Жакшы, эже, өзүңүз кандайсыз? - Тынар дагы жылуу учурашып өтө берди, Алтынай аларды узата карап турду…

Алтынай жыйырма үч жыл мурун Элдарды төрөп таштап кеткен кыз болчу, ал Элдарды анык тааныбаса дагы сүйгөн жигити Жоомартка окшоштуруп жаткан. "Ким билет, балким уулум бул дүйнөдө жоктур, же аман-эсендир, бирок окшош адамдар көп учурайт эмеспи, кандай адам багып өстүргөнүн ким билет. Ээ-эх Жоомарт, менин өмүрүмдү жалаң кайгы-муңга бөлөп коюп, кайда жүрөт болдуң экен, дайының билинбей иги-жиги жок жоголдуң го. Жыйырма үч жылдан бери же күйөөдөн жок, же баладан жок азаптуу түндөрдү башымдан кечирип келе жатам. Кайда болсо дагы уулум аман-эсен, адам болуп чоңойсун, бир көрүп өлсөм арманым жок эле, андай күн болоор бекен", - деп улутунуп алганда көөдөнүнө толгон армандын буркураган көк түтүнү чыга түшкөнсүдү. Өзүнөн башка жан жок, аңгыраган ээн үйүнө киргиси келбей тепкичте көпкө отурду. Ушул кезде Тынар курбусу менен кирип келе жатып, анын дагы эле тепкичте отурганын көрүп таңгалды. Алтынай өйдө болуп аларга жол бошотту да, артынан чыгып, өз үйүнө кирип кетти. Бир кездеги Жоомарт экөөнүн түшкөн сүрөттөрүн карап: "Сен кайдасың, Жоомарт, менин өмүрүмдүн чаң-тополоңун чыгарып коюп, дайынсыз кеттиң. Же сенден, же баламдан жок жападан жалгыз күн кечирип келем, сен го үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу болуп калгандырсың, мен коколой гана башымды багып келе жатам", - деп көз жашын сыгып, отуруп калды. Саадат быссымылда деп босогодон аттай Тынардын үйүнө кирди:

- Кут болсун, курбум, бул менин көрүндүгүм, каалаган буюмуңду сатып ал, - деп Тынарга үч миң сом берди. Жадыраган жүзүнөн, күлмүңдөгөн көздөрүнөн кубанычы байкалып турду.

- Оо-ой, Саадат, бул эмне кылганың?

- Кызык, сен минтип ак өргөлүү болуп атсаң мен тим турмак белем, жүрү, анда экөөбүз тандап бирдеме алып келели.

- Жо-ок, алды менен чай-пай ичели, анан көрөбүз, курбум, андан көрө айтчы, бүгүн биерде каласыңбы?

- Сөзсүз калам.

- Жакшы болбодубу, сага айта турган жаңылыгым толтура, - деп Тынар шашыла газга чай коюп, үстөл үстүн жайнатып ийди. - Саадат, мен үйлүү болуп минтип кубанып турганда дагы бир кубанычтуу кабар жүрөгүмдү делдиретип салды, кана тапчы, ал кандай жаңылык экенин? - деп табышмактуу жылмайып курбусун карады.

- Жигитиң сүйөөрүн айтты!

- Сен тим эле көрөгөчсүң го, кантип билдиң?

- Көздөрүң айтып турат, курбум, сен абдан бактылуу көрүнүп турасың, ошондон билдим, - деди Саадат сумсая түшүп.

- Ооба, курбум, мен өзгөчө бактылуумун! Кечээ Элдар келип, мага сүйөөрүн айтып, ал тургай өзү колума шакек тагып кетти!

- Ырас элеби? Куттуктайм, Тынар.

- Рахмат, келээрки жумада үйгө барып, сөйкө салып, анан алып кетет экен.

- Ырас болгон тура, сен дагы аны сүйөсүң да, ошондойбу?

- Ооба, мен дагы сүйөм, Саадат.

- Кубанычыңа тең ортокмун.

- Рахмат, баса, өзүңчү, жигит күттүңбү? - деди күтүүсүздөн Тынар, аны томсоро карап калган Саадаттын көзүнө ысык жаш тегерене түштү:

- Жок, курбум, мени эч ким карабайт го?

- Кантип эле, сен үчүн бирөөнүн күкүк болуп жүргөнүн билбейсиңби, Саадат?

- Жо-ок, курбум, бүгүн мен жөнүндө эмес, сенин үйүң менен жакшы кабарың үчүн отуралычы, тигинде вино бар, алып келсең, - деди эле Тынар Саадатты таңгала карап: "Мында бир кайгы бар экен, демек ичкенден кийин айтаар", - деген ойдо тамак ысытып, виносу менен алып келди. Экөө үнсүз бирден алгандан кийин Тынар акырын үн катты:

- Саадат, сен өзгөрүп кетипсиң, мен билген курбум эмес эле башка бирөө отургандай болуп турат, эмнеге мындай?

- Суранам, мени кыйнаба. - Саадат туруп барып, терезени карап турду. - Мен жаңылдым, Тынар, эми эч кимге керек эмесмин, өмүрүм бир гана адамга байланды, өлгөнчө ошол адамдын эрмегине айландым, бул менин тагдырым, мындан башка менден эч нерсе сураба, Тынар! - деп бери бурулганда жүзүн жууган жаш көкүрөгүнө тамчылап жатты.

- Андай дебечи, Саадат, баары жакшы болот, капаланбачы, кел бүгүн жөн гана ичип, эс алып отуралычы, - деп курдашын ийинден ала отургучка алып келип отургузуп, бетинен өбө өзү жанына отурду. - Кел, вино ичебиз, андан кийин аш демдейм, жай отуруп тамактанабыз.

- Кел, ичсе ичели, - деп Саадат бокалын көтөрдү. - Элдар экөөңөрдүн бактылуу болушуңар үчүн!

- Рахмат, бирге болсун.

- Ой курбум ай, бирөөнүн жарыгы бирөөгө тиймек беле, бирок сенин тоюңда албетте бирге болом.

- Рахмат, курбум, кел алып ийели. - Экөө жарыша алып ийишти.

- Тынар, өмүр кыска, жашоо ушунчалык кызык, тагдыр табышмак ээ? - деп Саадат улутунуп ийди. - Куйчу, бүгүн бир ичип, бук чыгарып алайын, - дегенде Тынар бокалдарга кызыл шараптан кылкылдата аз бөксө куйду. - Кээде баарынан чарчап-тажаганда өлгүң келет, бирок… бирок өлүм кандай коркунучтуу, мындайда ата-энең дагы аралжы боло албаганы өкүнүчтүү, мен киммин, бир алсыз, канаты кыркылган кушмун, бактысызмын, курбум.

- Антпе, жаным, сен бактылуусуң, сени сүйүп, сен деп азап тартып жүргөн адам бар, ал сени көрүүгө кандай гана зарыгып жүргөнүн кандай гана бактылуу экениңди билер элең?

- Анын пайдасы канча?

- Сени ал каардуу чеңгээлден чыгармак болуп далбастап жүрөт.

- Эми кеч, ал өз бактысын тапканы дурус, менден үмүтүн үзүп койсун, эми биз кездешпейбиз, жолубуз эки башка, ошону түшүндүрүп кой.

- Ойлон, Саадат, сенин келечегиң алдыда, биз бири-бирибизди таштабайбыз, теңтушпуз, сени ал адамга калтырбайбыз, - деп Тынар винодон дембе-дем куюп, экөө удаа-удаа алганга кыйла кызып калышты.

- Тынар, мени кыйнабагыла, пешенеме жазылганын көрөйүн, түбөлүк ошол киши менен болоюн. Билесиңби, курбум ал мени кандай жакшы көрөөрүн, баласындай эркелетип турат, баары даяр, кызматчыбыз бар, иши кылса керемет жашоо, а мага бир нерсе жетпегендей жан дүйнөм бош, ээн турган бөлмө сыяктуу аңгырап турат. Кайдадыр качып кетким келет, бирок кайда бараарымды билбей аргам кетип, ыйлап-ыйлап тим болом…

- Кел, Саадат, муну алып ийеличи, мен тамакты карайын, плов баса койойун.

- Экөөбүз бирге жасайлычы, жаныңда болом мен, жардамдашам, - деп Саадат жаркылдай күлүп бокалын көтөрдү.

- Биздин ынтымагыбыз үчүн! - Экөө тең алып жиберип, анан ашканага кирип сүйлөшүп да, күлүп да жатышты. Түш ооп, кечке маал болуп калганда эшик тыкылдады, ача койсо Элдар менен Кумарбек турат.

- Кандай, Тынар, үй кут болсун! - деп Кумарбек гүлүн берип, баштыкка алып келгендерин карматты. - Иш кандай?

- Жакшы, баары жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Ойдогудай ойноп-күлүп жүрөбүз, жалаң гана сулууларды сүйөбүз. Көңүл бурбай терс бурулса ал сулуу, жүрөк күйүп, капа болуп кетебиз, - деп Кумарбек күлө карады.

- Жамакчы болуп кеткенсиң го?

- Карабай кетсе сулуу кыз, өрттөнөбүз, күйөбүз, жүрөк сырын чече албай азап тартып жүрөбүз, ээ Тынар, ушундай биздин жашоо.

- Киргиле үйгө.

- Саадат келдиби? - деп шыбырай сурады Кумарбек.

- Келди, кире бергиле. - Тынар дагы акырын айтканда эки жигит кымыңдай ичкери кирди.

- Айтпа, Тынарга жакшы болду, - деп Элдар сөзгө аралашты. - Бир жума мурун телефонун албай таарынып туруп албаганда үй алдырбай эле үйгө алып кетмекмин.

- Шашпачы, Элдар, - деп Тынар аны тыйган болду, бирок жылмайган жүзүнөн бактылуу экени көрүнүп турду. Алар кире бериште туфлилерин чечип атканда Тынар тамагын эстей коюп, ашканага кирип кетти.

- Эки кыз абдан сырдашкан экен ыя, Кумаш? - Элдар купшуңдай досуна кайрылды.

- Ошонусу жакшы, мен Саадат менен жакшылап сүйлөшүшүм керек, - деди Кумарбек ойлуу. Бир-эки саат мурун эле бул эки жигит дагы урушуп кайра табышкан, эр чекишпей чечишпейт дегендей ушул жолу түбөлүккө достошуп алышты.

- Сен Тынар менен сүйлөшүп тур, мен Саадат менен сыртка чыгып сүйлөшөм, - деди Кумарбек акырын. Экөө залга өтүп, отуруп калышты. Тынар Саадатты алардын үстүнө кир десе болбой турганда Элдар келди.

- Кандай, Саадат, ал-акыбал жакшыбы, көрүнбөй кайда жүрөсүң, биз сени көрүүгө зар болдук го? - Кол суна учурашты.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Баары ойдогудай, биз Тынар экөөбүз…

- Уккам, силерди кубануу менен куттуктайм!

- Рахмат, биз сүйлөшүп алсакпы дедим эле, Тынар, жүрчү.

- Азыр, - деп Тынар аны ээрчий ашканадан чыгып, экөө ээрчише бөлмөгө киришкенде Кумарбек туруп, ашканага баш бакты. Аны көргөн Саадат эшикке карай жөнөгөндө Кумарбек кармап калды.

- Саадат, менден неге качасың?

- Эмне жумушуң бар?

- Түздөн-түз.

- Кандайча?

- Мен сени сүйөм, Саадат.

- Кечиктиң.

- Мен кечиктим деп эсептебейм, анткени сен ага өз эркиң менен барган жоксуң. Мен аны сопсонун түшүнүп турам. - Саадаттын маңдайына тура калып, ээгинен өйдө көтөрдү. - Сен өзүңдү алсыз сезбе, Саадат, мен сени ага бербейм, аныңды керек болсо өз колум мен өлтүрөм!

- Кумарбек, мен үчүн өзүңдү-өзүң курмандыкка чалган күндө да сендик боло албайм!

- Неге, мен сага башында эле айткамын, сен келем деген боюнча жолукпай кеттиң. Мен сени сүйөм, сен үчүн баарына даярмын! - деп өзүнө тартып бооруна кысып туруп алды. - Мен сенден ажыратпаса экен деп кудайдан күнү-түн тиленип келем. Сен менден эмес, андан кач, Саадат, экөөбүз үйлөнөбүз, балалуу болобуз, бактылуу жашайбыз. Ата-энем каршы болбойт, алып келе бер дешкен, Саадат, сен менден эмес өзүңдөн-өзүң качып жатасың, - деп Кумарбек сүйлөп жатты, Саадат унчукпады, тек көз жашын төгүп, үнсүз тура берди. Алар ошентип бири-бирин ичтен түшүнүп, жүрөктөрү сыздап турганда Элдар менен Тынар бөлмөдө келечектери жөнүндө сүйлөшүп отурушту.

- Тынар, атаңа телефон чал, келээрки жумада биз барабыз, күйөө жолдош болуп Кумарбек барат.

- Корком, мага жуучу келет деп кантип айтам?

- Эмнеге болбосун, эгерде макул болсоң кафеден өткөрөлү деп жатат атамдар, буга кандай дейсиң, сөйкөнү салып эле сени алып кетебиз, жаным.

- Ыраспы, чынын айтсам сен акыркы күндөрү өзгөрдүң, түнү бою бирге болсок да эртеси көргүң келбей калчу эле го? - Тынар аны күлө карады.

- Кечирчи, жаным, ошонун баарын түшүндүрбөдүмбү, кечирим сурап жатам го, мен көзү бар туруп сокур, көөдөнү жок көңдөй болуп жүргөн экенмин, эми көзүм ачылды, Тынар. - Элдар кыздын колунан кармап өөп, - Мендик бол, жаным, - деди.

- Мен макулмун! - Кыз күлө карап назданып койгондо Элдар аны жерден так көтөрүп алып, тегеретип жатты.

- Алтыным десе, мен сени менен гана бактылуумун!

- Мен дагы!

- Биз бактылуу болобуз! - Алар ушул кезде чексиз бактылуу болуп турду, аларды көздөй келе жаткан Саадат менен Кумарбек экөөнү жылмая карап калышты.

- Куттуктайбыз! - деп алакан чаап, Кумарбек жакындап келгенде гана Элдар Тынарды жерге койду.

- Кел, отургула, - деди Тынар башка сөз таппай.

- Чогуу эле отуралы, кел, Саадат, отур, - деп Кумарбек жанынан орун көрсөттү. - Бүгүн Элдар менен Тынардын нике тоюнун башталышын ачык деп жарыялайбыз!

- Туура, балким никебизди кыярбыз. - Элдар күлүп калды.

- Жок, ата-энеден тышкары иш кылганыбыз болбойт, шаанисин гана баштайбыз, - деди Кумарбек.

- Учурунда көрөлү, башкысы мындай, - деп Тынар тамагын кыра үчөөнө кайрылды. - Биздин таанышканыбызга туура бир жыл болуптур, анда биз жөн гана бейтааныштар элек, бүгүн минтип Элдар экөөбүз турмуш босогосун аттаганы турабыз. Ошондуктан ар бир адам, айрыкча биздей жаштар максатына жетишин тилеп, тилек кылып бүгүн жакшы отуралы, сүйлөшөлү кеңешели, теңтуштар!

- Туура айтат Тынар, адамдардын пейилинин оңолушу үчүн, элибиздин оңолуп, гүлдөгөн шаарга, өлкөгө айланышы үчүн ичели! - деди Кумарбек. - Ач көз, өз көмөчүнө гана гүл тарткан башчылардын ордуна эл камын жеген адилет азамат адам келип, элдин багы ачылсын.

- Адилет падыша келип, өнүккөн өлкөгө айланалы, биздин балдарыбыз гүлдөгөн өлкөнүн жараны болуп, бактылуу өмүр сүрүшсүн ээ? - деп Элдар көзүн кыса күлүп койду. Кумарбек:

- Ошондуктан ар бир жаран үчүн кам көрүп, ар бирибиз жакшы жашоого умтулушубуз керек, - дегенде Тынар күлүп калды.

- Ой силер саясатка кирип кеттиңер да, саясатты чемичкедей чагам деген Текебаев бүтүн Кыргызстанды мазарга айлантып ийе жаздады го, депутаттык мандат үчүн, ошолорду кеп кылбай эле койгулачы!

- Ал элди ойлобой эле өз камын жеди, чынында жүзү артында анын.

- Жо-жок, мен мунуңа кошула албайм, Текебаев реальный мужик, - дешип ортодо көңүлдүү сөздөр уланып, шарактап отурушту. Саадат гана жылмайып коюп, үн-сөзү жок отура берди. Элдар төрт бокалга шампандан куюп, төртөөнүн алдына койду. - Кана эмесе, бактылуу жашоо үчүн ичели ээ, достор!

- Силердин бактылуу болушуңар үчүн!

- Никеңер уза-ак болсун! Бактылуу жубайлардан болгула!

- Айтканыңар келсин! - деди Тынар тамылжый. - Бүгүн негедир өзгөчө бактылуу болуп турам.

- Мен дагы. - Элдар Тынардын ийнине колун койду. - Тынарга жолуктуруп койгон кудайга миң мертебе ыраазымын.

- Узак жашап, көп балалуу болуп, өмүрдө өксүбөй өткүлө! - деп тостторду көтөрүп жатышты. Ушул мүнөттөрдө Элдар менен Тынар бири-бирин жоодурай карап коюп, өмүрдүн кызыгынын бир бөлүгүн сүйүү деген көзгө көрүнбөс сезим гана толуктап тураарын сезишти.

Саадат ал күнү түн бою Кумарбек менен сүйлөшүп отурду, кечки саат сегиздерде Арстанбек чалды эле: "Ага-эжелерим менен отурганда чалбай эле койсоңуз боло", - деп кат жазып жиберди. Аны сезген Кумарбек:

- Саадат, качанкыга ушинтип жашайсың? - деди.

- Өмүрүм өткөнчө ошентет окшойм.

- Жок, мен сени ага эми жолотпойм.

- Кантип, Кумарбек, паспортумду такыр бербей жатпайбы?

- ЗАГС алып койгон жокпу?

- Билбейм.

- Сен өзүңдү катуу карма, бирдеме десе милицияга айтам де, абийири ачылышын андай креслонун жытын билип калгандар каалай койбос. Канткен менен эл тааныган адам го?

- Ошондо да корком.

- Коркпо, Саадат, мен сени анын чеңгелинен сууруп алам.

- Убара болбо, Кумарбек, сага мендей эрксиздин эмне кереги бар?

- Мен сени сүйөм, сени гана, уктуңбу?

- Ишенем, бирок ата-энең, эл-журт бар, бетиңе чиркөө болот го, ошол жүктү көтөрүп жүрүү мага жеңил дейсиңби? Мен азыр өзүмдү ага көндүрүп, тагдырыма баш ийүүгө даяр болуп калдым, бул жолго мен өзүм бардым, чеңгээлине өзүм түшүп бердим, - Саадат буулуга үн чыгарбай ыйлап жатты. - Ырас мындай болоорун билбедим…

- Кой капаланбачы, Саадат, өзүңдү-өзүң кыйнай бербе, айтканга көн да ушул бойдон ага барба! - деп Саадатты өзүнө тартып, кучагына кысып алды. - Мен сага үйлөнөм!

- Эмне? - Саадат анын жүзүнө шарт карады. - Сен эмне деп жатасың, Кумарбек?

- Ошо, мен сага үйлөнөм.

- Болбойт! - Саадат тура калды. - Сен эмне, мени шакаба кылгың келеби, же боор ооруганыңбы?! - Ызалуу буулугуп сүйлөдү. - Мага андай кең пейилдиктин кереги жок, өз жолуң менен болчу!

- Саадат, мага ишенбей турасыңбы?

- Мен эч кимге ишенбейм, ал тургай өзүмө дагы!

- Саадат, эсиңе кел, мен сени сүйөм!

- Сүйүү жок, андай жомокту айтпа мага, баары бир түшүнбөйм.

- Койчу, Саадат, сен өзүңдү гана ойлоп, башканы неге ойлобойсуң, мен сен үчүн кыйналып жүрөм го? - Кумарбек анын колун бекем кармап алды. - Ошончолук эле өзүмчүлсүңбү, сен үчүн дербиш болуп, жер кезип кетүүгө даяр адам көз алдыңда өлүп кете берсе да баары бирби сага, айтчы, Саадат?

- Ооба, мен ошондой акмакмын, Кумарбек, али түшүнө элексиңби?

- Жок, сен мындай эмес болчусуң, сендей назик, мээримдүү кыздардын мындай тагдырды өмүр бою аркалашы мени кайгыга салат, мен сени мурда көрүп-билип, түшүнүп калгам. Болуптур, менин тилимди алба, эгерде өз эркиң менен ошол адамга тийген болсоң, мени таптакыр эле каалабасаң, менин башыма колуңду коюп туруп айтчы! - деди дароо колун өз төбөсүнө коюп.

- Кумарбек!

- Айта бер, сен мени бир дагы жолу жакшы көргөн жок белең, бир да жолу ойлогон эмессиңби?

- Кумарбек дейм!

- Жок, мен эчтеке укпайм, айта бер ачыгыңды, ошол адамды сүйүп калганың чынбы?!

- Кумарбек, сен мени минтип жарга такаба.

- Айт деп жатам, мени оозуңа алып карган, менин боорумду жейин де, карган, Саадат. - Кумарбек ачууланып, көгөрүп-татарып Саадаттын көздөрүнө тике карады. - Кана айтпайсыңбы, өзүм сүйдүм, эрким менен тийдим дебейсиңби?

- Кумарбек, мен өз эрким менен бардым деп эч ким менен карганбай эле айтам, койо бер мени!

- Ка-алп! - деп бакырып ийди Кумарбек. - Сен калп айтасың, аны эмес мени сүйөөрүңдү билем! - деп дагы болбой кучактап алды. Саадат бул жолу анын эркинен сырткары боло албады, солкулдап ыйлай берди, көптө барып оор улутуна унчукпай калды. Экөө бетме-бет тиктешип отурушту, көздөрү менен сүйлөшүп жатышты, Саадат ушул азыр гана көзү ачылгандай, Арстанбектен биротоло кетүүгө бел байлады. Кумарбек болсо анын турмушка чыкканына карабай алы жетишенче сүйүүсүн арнап, бактылуу кылгысы келип турду. Үнсүз гана селдейип түн күзөтүп отура беришти. Таң сүрүлүп келе жатты, алар козголушпады, тек бири-бирин көздөрүнөн түшүнгөндөй, бир пикирге келгендей болушту. Аңгыча үйгө жарык кирип, Тынар Элдардын кучагынан бошонду да, көзүн ачып, өздөрүнөн тигиндейирээкте салынган төшөктүн бош турганын көрдү. "Алар кайда кетишти экен, жаткан эмес го", - деп ордунан туруп, ашканага кирип барса, экөө жанаша отурат.

- Ой силер уктаган жоксуңарбы?

- Жок, - деди Саадат.

- Уйку качпайт, өлгөн соң түбөлүк козголбой уктоого болот, тирүүдө бүтпөгөн ишти уктабай бүтүрүп алган жакшы да, - деди Кумарбек.

- Ай азаматтар, мен уктабасам чыдай албайм, - деп Тынар газ күйгүзүп чай койду. - Кандай эс алдыңар анан?

- Чечилбей сырлар калбады, жүрөктү арман чырмады, түшүнбөй мени сүйгөнүм, алсыратып кыйнады…

- Айтасың кандай арманды, көңүлдөр көңүл улады, бири-бирин түшүнбөй, акыры өтөөр жыл дагы…

- Өткөрбөйм анча убакыт, сен менен өткөн күн бакыт, мени сен сүйөм дебесең, өлөмүн азыр ууланып, - деп Кумарбек Саадатты карады.

- Өлөмүн дебе бекерге, убакыт кымбат дегеле, табылаар мендей да бир кыз, унутасың тез эле…

- Жок-жок, унутууга эч кандай оюм жок, Саадат, сен мени кечир, түшүнбөдүң, ушул саам мага жооп бербесең баары бир табам да, чалды өлтүрөм. Андан сени тартып алам, Саадат, сен мени таштабачы?! - деп булкулдатып ийди.

- Мен ойлоноюн, түнү бою канчалаган сөздөр айтылды, Кумарбек, миң ойлонуп бир чечишим керек!

- Аныңа макул, бирок телефон чалганда жооп бербей койбо.

- Жарайт, жооп кылам, сүйлөшөм…

- Канча убакытта жооп бересиң?

- Бир жумада.

- Туура бир жума ээ?

- Туура бир жума. - Экөө бири-бирин карап жылмайып коюшту. Аңгыча Элдар туруп жуунуп, төртөө дасторкондо чогуу отурушту. Элдар менен Тынар бири-бири менен ойноп эркелешип жатты. Кумарбек менен Саадат чыныларын тиктеп ойлуу отура беришти. Ошол кезде Саадат:

- Мен кетейин, - деп ордунан турду. - Силер менен чогуу отурганыма кубанычтамын.

- Саадат, эмнеге мынчалык шашып? - деди Тынар ага.

- Кетишим керек.

- Макул анда, чыгарып койойун.

- Мен жеткирип койбоюнбу? - Элдар Саадатка карады.

- Жо-жок, өзүм эле кетем.

- Өзүм жеткирем, - деп Кумарбек кошо турду.

- Кереги жок, мен өзүм эле кетем, - деп Саадат каршы боло коштошуп чыгып кетти, Тынарды да чыгарбады. Ал үйүнө келгенде Жаркын алдынан чыкты:

- Кызым, тынччыклыкпы, түндө эмнеге келбедиң?

- Агамдыкында болдум. - Саадат аны жактыра бербей ичке кирип кетти.

- Бечара Арстанбек түнү бою уктабай сыртка чыгып, кайра кирип, үй ичинде ары-бери басып жүрдү. Ажатканага барайын десем да сыртта жүрүптүр. Ал сени ушунчалык жакшы көрөт экен, кызым, - деп Жаркын артынан кирип бежирей баштаганда Саадаттын жини келип кетти:

- Мага эмне айтып жатасыз аны?

- Кызым, мейли мени жаман көр, бирок каапырдын боору ооручудай эле болду бечара, адам деген башканы да өзүндөй көрсө го аттиң, жүрөгү бар эмеспи…

- Мен суранып кеткемин, эже.

- Ошентсе дагы сени кызганат көрүнөт…

- Эмнеге, кимден?

Алтынай Элдардын кирип-чыкканын көрүш үчүн кире бериштеги отургучка отуруп алат, бирок ал күткөн учурда келбей, зарыгып отуруп үйүнө кирип кеткенде Тынар экөө ээрчише кирип кетишет. Эгерде жетишсе каалгасын ачып жатканда бир көрүп калат. Эмнеге көргүсү келгенин өзү да билбейт. "Адамга адам окшошо берет эмеспи, менин төрөгөнүмү эч ким билбейт, ата-энемден коркпой эле ачыкка чыгып багып алсам болмок экен. Эми аман-эсен көргөн күндө да энеңмин деп айтууга акым жок. Ошентсе дагы жүрөгүм тынч ала албай, бир кездеги наристемди көргүм келет", - деп өзүнчө бир муңканып, тагдырына наалат айтып алат. "Уул бала, сүйкүмдүү экен, оң жамбашы тушунда чоң калы бар", - деген акушердин сөзү дагы да кулагына жаңырды. Дагы жүгүрүп эшигине келди, тепкичтен кобурашып чыгып келе жаткандардын дабышын эшите: "Ошолор", - деп жүрөгү солк эте каалганы ачып, супсуну сууй түштү. Кобурашып келаткандар өйдө көтөрүлүп бараткан эле. "Мен жинди болуп баратам, ал үчүн Айнагүлдү таап, кайда таштаганын сурашым керек. Ооба, ырас эле сурайын, үйүндө болду бекен?" - деп шашыла кийинип, үйүн кулпулап, подъездден чыга бергенде нес боло туруп калды, бет маңдайында жетелешип Элдар менен Тынар келе жаткан эле.

- Саламатсызбы, эже? - деди Элдар жылмая.

- Жакшысызбы, эже? - Тынар дагы учураша өтүп баратты. Алтынай аларга жооп кылган-кылбаганын сезген да жок, "Жылмайганы, кыймыл-аракети да өзү, Жоомарттын эле өзү", - деп көпкө тура берди.

- Тынар, бул аял эмнеге бизди жалдырап карай берет? - деп Элдар суроо узатты экөө ичке киргенден кийин.

- Кайдан билем?

- Кызык, негедир ушул аялдын көз карашы мени ойго салат.

- Ашык болуп калгандай го, жаш көрүнөт экен.

- Сулуу дагы.

- Ооба, сулуу дагы.

- Койсоңчу эми, болбогонду айтпа. Жакында үйлөнөбүз, кечээ апам сага кандай сөйкө алсак деп кеңешели деген, бүгүн барып келейин, көйнөктү өзүң тандап аласыңбы?

- Макул.

- Атаңа чалбайсыңбы, Тынар.

- Уялып жатам.

- Эмнеден?

- Күйөөгө чыгам деп кантип айтам, баса, жеңем менен сүйлөшөйүн, азыр телефон чалам, сен унчукпай тур, - деп телефонун чалып, тыңшап калды. - Алло, жеңе, кандайсыз? Инилерим чоңоюп жатабы, байкем иштеп жатабы? Ооба, мен иштеген жокмун… Жеңе, мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле? - дегенде Асыл күлүп калды.

- Эмнени сүйлөшмөксүң?

- Жеңе, мен атама айта албай жатам.

- Айта бер мага.

- Жеңе, менин жигитим сөйкө салып алып кетебиз дейт, үйгө барып атам менен кеңешкилечи.

- Качан келет экен?

- Эмки жума күнү.

- Оой, мурунураак эле айтпайт белең, макул анда, Марат экөөбүз атамдарга баралы да кеңешели, сен мурунураак келесиңби?

- Ооба, мен бир күн мурун барам.

- Болуптур, бактылуу бол, Тынар, күйөө бала кайдан болот экен?

- Чоң-Арыктан.

- Өзүбүздөн эле экен, атам сени жакын жерге чыкса деп жүрдү эле, жакшы болгон тура.

- Атама айта албай койдум.

- Туура, сен кантип айтмак элең, өзүм бүтүрөм, - деди Асыл. - Мейли анда, кам санаба, садага, жакшы тур, көрүшкөнчө.

- Жакшы туруңуз, - деп телефонун өчүрдү да, Элдарды кубана карады. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп, чай ичкенден кийин Элдар үйүнө жөнөдү. Тынар дароо Саадатка телефон чалды эле ал ала койду.

- Алло, Тынар, кандайсың?

- Эң сонун, Саадат, бүрсүгүнү Элдар болуп кийим тандайбыз, сен мени менен барасыңбы?

- Барууга аракет кылайын.

- Алтыным десе, сөзсүз күтөм.

- Жарайт, көп күттүрбөйм, - деп өчүрө салды. Тынар кубанычы койнуна батпай өзүнчө эле элеп-желеп болуп жатты. Ошол убакта атасы телефон чалды. Тынар ала коюп:

- Ата, угуп жатам, - дээри менен Сапарбектин үнү угулду:

- Кызым, сен экөөбүз ачык сүйлөшүп көнүп калбадык беле, менден тартынгандын ордуна эртерээк келсең өзүң менен кеңешип, анан даярданбайт белем, - деди таарынгандай.

- Ата, мени кечирчи, айталбай койдум.

- Болуптур, мейли эмесе, качан келесиң? Өзүң каалаган кийим-кечени алышыбыз керек.

- Бейшембиде барам, ата.

- Андан эртерээк келсеңчи.

- Жок, силер мени күтпөй камына бергиле.

- Макул, кызым, кечикпей кел.

- Жарайт, - деп телефонун өчүрүп, диванга чалкасынан түшүп жатып алды. Көпкө жатты, ойлору алыска учуп өзүнчө өрөпкүйт, жүрөгү лакылдап токтоно албай жатып, акыры уктап кетти. Бир кезде ойгонуп кетти. Эшик тыкылдап жаткандай болгонунан барып ачса, Алтынай туруптур:

- Кандайсың, кызым?

- Жакшы, өзүңүз?..

- Келгениңерге бир топ болуп калды, чай-пай ич дей албай койдум, күйөөң экөөңөрдү үйгө чакырып, коңшу катары чайлашып алсакпы дедим эле…

- Элдар бүгүн жок эле…

- Эчтеке эмес, сен деле кире гой, бир аз сүйлөшүп отурабыз, ансыз деле жалгыз убакыт өтпөйт, каникулда эч жакка чыкпадым.

- Мугалимсизби?

- Ооба.

- Кирип нан ооз тийиңиз.

- Макул, ооз тийейин, кызым, - деп Алтынай ичкери кирди, Тынар ашканасынан нан алып чыкты.

- Отуруп чай ичсеңизчи.

- Жо-ок, тамак асып койдум эле, андан көрө сен кел мага, жай таанышып жакшылап сүйлөшөлү.

- Жарайт, эже, азыр барып калам.

- Мен барайын, - деп Алтынай нандан чымчып оозуна салып, бата кыла чыгып кетти. "Коңшу катары таанышып мамиле кылса жаманбы, менин апамдай эле аял экен, барса барып отуруп келейин", - деп ойлонгон Тынар эшигин бекитип, Алтынайдын эшигин тыкылдатты.

- Кире берсең болмок, кызым, - деп мээрим төгө тосуп алды Алтынай аны.

- Осол болот го, эже, же мурда келип жүрбөсөм.

- Кай жердин кызы болосуң?

- Кичи-Кеминден.

- Жакшы, мен Сокулуктан болом.

- Жакшы, кайсы мектепте иштейсиз?

- Оой, айтпа, иш оор, мугалимдер жетишпеген мектепке жөнөтүп ийген, № 72демин…

- Азыр мугалимдер окуучуларга жакшы сабак бербейт дешет го?

- Эми жоопкерчиликти ар бир эле мугалим сезе бербейт да, кээси пара менен, телефондун коңгуроосунун күчү менен окугандар бар.

- Кечиресиз, укканымды айтып койдум.

- Эчтеке эмес, эл тараза эмеспи, көрүнүп эле турбайбы, окуучуларга эмес өз балдарын жөнгө сала албай турган убак болот, атың ким, кызым?

- Тынар.

- Ооба, баса, өткөндө айтпадың беле, жакшы атың бар экен, менин атым Алтынай, көбү Аля эже дешет, - деп сүйлөп да, дасторкон жайып да жатты.

- Эже, мынчалык убара болбой эле коюңуз, - деди Тынар ыңгайсыздана.

- Сен жаңы коңшумсуң, кызым, таанышып алганыбыз дурус.

- Улуу башыңыз менен уялтып койдуңуз, биз чакырсак болот эле, ашыгып кеттиңиз, - деп Тынар күлүп калды.

- Мунун улуу-кичүүсү жок, жаңы коңшуну сыйлоо биздин милдет, баса, күйөөңдүн ата-энеси барбы?

- Бар.

- Кандай кишилер, канча баласы бар экен?

- Элдар карындашы экөө эле.

- Аа-а, - деп койду да, Алтынай бүгүнкү курбусунун айтканын эстеди. "Балалуу болбогон үй-бүлө экен, ошондуктан алардын эшигине таштагам. Унут, курбум, эми ал бала сени кабыл алмак беле, сен жөнүндө билбейт да чыгаар, тагдырыңа таң берип, моюн сунбаска аргаң жок", - дегени кулагына угулуп кетти.

- Эже, сизге эмне болду? - Тынар ал ойго батып отуруп калганынан үн салды.

- Аа-а, ойлонуп кеткен турбайынбы, - деп ыңгайсыз абалда чыныга чай куюп сунду. - Элдар экөөңөр качан үйлөндүңөр эле?

- Жакында үйлөнөбүз, эже.

- Ийи, жакшы, кызым, жашы канчада?

- Быйыл жыйырма үчкө толот, - деп жооп берген Тынар: "Бул аял чындап эле Элдарга ашык болуп калган жокпу, эмнеге эле аны сурайт?" - деп жини келе түшкөнү менен чыдап отурду.

- Ошондой де, демек ошол, ооба, ошол! - деп шыбырай Алтынай ордунан тура калганын өзү байкабай да калды.

- Эмне дедиңиз, эже?

- Аа-а, тамакты карайынчы, - деп туруп кетти.

- Кыз-зык, муну менен мамиле кылуудан коркуп калдым, эмне деди, жакшы укпай да калдым, оорукчан го, - деп Тынар өзүнчө күбүрөнүп отурганда табакка тамак көтөрүп кирди Алтынай.

- Эт эзилип кетиптир, келе гой, кызым, тамакка кара.

- Рахмат, эже, - деп Тынар жаңы эле чыгарып келген тамакка кол узатты. Алтынай анын устуканын алдына жылдырып, шорпо куйду.

- Ала гой, кызым, анча-мынчага маани бербе, өзүм жалгыз жашап, картайган кезим го, - деп күлө караганда аялдын күлмүңдөгөн көздөрү өзүнө жарашып турду.

- Алып жатам, эже, өзүңүз да алыңыз.

- Бүгүн сени менен бир божурашып отуруп, оңуп калайын, жалгыздыктан аябай тажадым…

- Күйөөңүз эмне болгон?

- Күйөөгө тийген эмесмин.

- Эмнеге, өзүңүз сулуу экенсиз?

- Сулуулук курусун, кызым, сулуулук эмне бир азап экен да, сулуу болбой эле бир койчунун көп бала төрөгөн аялы болгонумда эмне…

- Кечиресиз, эже, сизди капа кылып алдым окшойт? - Тынар уялган таризде карады.

- Эчтеке эмес, мындай күндөрдүн нечени өттү го, кабатыр болбо, кызым, мен капаланган жокмун, - деп Тынардын тарелкасына эттен, гүлчөдөн салды. - Ала кой, кызым, силер мага өз баламдай болуп көрүндүңөр, негедир эле мээримим түшүп туруп алды.

- Мен дагы сизди өз апамдай көрө баштадым, апам өлүп калган, өгөй апамды жактыра бербейм, атамды жанымдай жакшы көрөм. - Тынар Алтынайдын балдарымдай көрөм дегенинен улам элжирей ички сырын айта баштаганын сезбей калды.

- Жаман болуптур, башка аялды өз энедей көрүш кыйын.

- Ал жакшы аялдай көрүнсө да мага жакпайт.

- Сен кызсың, турмушка чыгып үй-бүлө күтөсүң, ошолор өз мекениң болот, кызым, кыз деген ата-эненин үйүнө конокко гана бара турган болот.

- Сиз күйөөгө чыккан жоксузбу?

- Жок, жаш кезде бирөөнү сүйгөмүн, башкалар андай болбоду, бойдок өтүп баратам…

- Өзүңүз сулуу экенсиз, көп эле болгондур, эже, сизге ашык болгондор, неге жок дегенде бирөөнө чыгып албадыңыз?

- Ооба-а, көп эле болду, азыркыга чейин бар, бирок бирине да көңүлүм жок, жалгыз гана Жоомарт деп өмүрүмдү өткөрүп ийдим, алигиче бир күнү кирип келчүдөй сезилет.

- Ата-эне, бир туугандарыңыз барбы?

- Бар, атам менен энем карып калышты, менин жалгыз өтүп баратканыма зээни кейип көп айтышаат, ини-сиңдилеримдин баары үй-бүлөлүү, келип-кетип турушат, бала-чакалары бар, - деп улутунуп койду Алтынай.

- Капаланбаңыз, эже, бул тагдырыңыз болсо керек, ушунчалык да күчтүү сүйүү болоорун биринчи эмес экинчи жолу угуп жатам. Менин апам дагы башканы сүйүптүр, атама такыр көңүл бөлбөй балдары үчүн жашап жүрүп, акыры жүрөк оорудан кайтыш болду…

- Бактылуу аял экен, жок дегенде балдары үчүн жашоо кандай гана бакыт, менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок…

- Апамдын атамды сүйбөй жашаганын укканда аябай жиним келген болчу, - деп Тынар айтканда Алтынай аны мээрим төгө карап бир азга турду да:

- Баласың да-а, балким сүйүү башыңа келе элек, атаңа кандай болуп тийип калыптыр? - деп сурады кызыга.

- Аны атам жакшы көрүп ала качып алыптыр, таятам отургузуп коюптур апамды, айла жок отуруп калган экен. Билесизби, апамдын сүйгөнү өзүнүн жээни экен, ал ушул убакка чейин аял албай жалгыз жашап жүрөт, такыр аял албаптыр.

- Өкүнөөрлүк, мага окшогон бечаралар дүйнө жүзүндө миңдеп саналаттыр ээ? - деп Алтынай жаагын таяна ойлуу отуруп калды.

- Эже, эс ала турган убакыт жетти, мен барайын, - деп Тынар дасторконго бата кылып, өйдө болду. Алтынай дагы өйдө туруп:

- Жакшы бар, кызым, сени менен отуруу мага абдан жакты, бактылуу бол, кызым, - деп узатып чыкты.

- Жакшы эс алыңыз.

- Өзүң дагы, кызым, - деп эшигин жаап алып, өзүнчө буркурап ыйлап кирди. Күзгүгө барып, четине кыстарылып турган сүрөттү алды, анда бактылуу жылмайган жаш жигит өзүн карап турат. - Жоомарт, бүт өмүрүмдү азапка салып коюп, каякта жүрөсүң, сен деп башка эркектерди көзүмө илбей элүүдөн аштым, жалгыз үмүтүм - сенден туулган баланы таштап салып, эми издеп келем… Ооба-а, анда менин акым жок экенин дагы билем, энеңмин деп айтууга укугум да жок, ошентип армандын жүгүн жүктөнүп, жападан жалгыз өмүр сүрүп келе жатам, - деп сүрөттү сылагылап, ыйлай берди…

Тынар үйүнө келип, төшөк салып жатып алды. "Кызык, мени Элдар таштап кетсе мен ушинтип жашай берет белем, өмүр бою күтөт белем?.. Ушундай дагы сүйүүлөр болот тура, көргөндөн көрө элегиң көп деген сөз чын", - деп ойлонуп жатып, көзү илинип кетти. Эртең менен ойгонуп жуунуп алып, чай ичип отуруп, түндө көргөн түшү эсине келди. Түшүндө бир жүдөгөн адам аны ээрчип алыптыр, жаман көрүп урушса да калбайт, анан ал маңдайына келип: "Сен менден качпа, кызым, мен сенин атаңмын, уктуңбу, атаңмын, жакында жолугамын сага, сөзсүз жолугамын, мен издеген адамды сен жашыра албайсың, мен сенин атаң болом", - деп көздөн кайым болду. "Бул эмнеси, менин атам бар эмеспи, кызык экен, таң калыштуу, түшкө ар нерсе кире берет да", - деп коюп, телевизор көрүп отурду. Пультту баскылап, ар кайсы каналга которуп, канча алаксыйын десе да болбой көргөн түшү мээсинен кетпей, бир кызык боло берди. Түш ченде Элдар келди, келип эле кучактап өөп:

- Тынар, биз свадьба өткөрөбүз, атамдар камынып жатат, - деди кубанычтуу.

- Ыраспы?

- Чын айтам, жүрү кафеден тамактанып алып, ойноп келебиз, бүгүн кечке паркка баралыбы же кайда баралы?

- Сен каалагандай болсун.

- Жа-аным десе, атамдар дагы аябай кубанып жатат, сени тез эле көргүлөрү келет, карындашым андан бетер сүйүнүп калды, жеңелүү болом деп.

- Карындашыңдын аты ким?

- Резван.

- Ошондой дагы ат болот бекен, аз учурай турган ат экен.

- Апам китептен алып коюптур.

- Ии-ий.

- Түндө жалгыз корккон жоксуңбу?

- Жок, бул үйгө жалгыз үч түнөдүм, андан кийин сен келип жатасың, болгону он күн болду да үйлүү болгонума.

- Иши кылса ар дайым сенин жаныңда болсом болду, эч качан жалгыз калтырбайм, жаным, сени жанымдай жакшы көрүп баратам, ушул сүйүү болсо керек ээ?

- Ошондойдур… - деп ойлуу жооп кыла Тынар кийине баштады, чачын жасап алып, адеми көйнөгүн кийип чыкканда Элдар ага суктана карады.

- Сенин ушунчалык сулуу экениңди билбепмин, эпосто айтылчу Айчүрөк менен дастандардагы Аксаткын, Кишимжандар сенден ашык болгон эместир, - деп кучактап өптү. - Жүрү кеттик анда, - деп колдон алды.

- Шашпа, үйдүн ачкычын алайын, - Тынар үйүн бекиткен соң экөө сыртка чыгышты. Ошол кезде ооздогу отургучта Алтынай отурган, алар баш ийкей учурашып өтүп кетишти. "Жоомарттын эле өзү, тобо-о адам адамга окшош дешет, бирок мынчалык окшошту биринчи көрүп жатам", - деп ойлонуп узата карап отура берди. Жолго чыгышканда Тынар Элдарга көз кыйыгын сала бирдеме демек болуп, кайра унчукпады.

- Тынар, бирдеме айткың келди беле? - деп анысын байкаган Элдар сурап калды.

- Аа-а, мен Алтынай эже жөнүндө айтайын дегем.

- Кайсы Алтынай?

- Ой Алтынай эжечи, коңшу аял.

- Ошондой дебейт белең, ал жөнүндө эмне дегиң бар?

- Жакшы аял экен.

- Ии-ий, аны кайдан билдиң?

- Кечинде мени конокко чакырат.

- Койчу, эмнеге чакырыптыр?

- Конокко эле.

- Ким менен жашайт экен?

- Жалгыз, күйөөгө чыкпаптыр.

- Өкүнүчтүү, өзү жакшынакай аял го?

- Өзү каалабай чыкпай калыптыр.

- Өмүрү бекер өткөн тура…

- Ооба, картайыптыр, ата-энеси, бир туугандары бар экен, - деп Тынар сүйлөп жатты. Элдар анын сөзүн укпай эле: "Негедир бир жерден көргөндөй өңү жылуу учурай берет, бирок көргөн эмесмин, балким мени төрөп таштап кеткен аял ушудур, ажеп болот, төрөгөн баласын таштаган аялга жакшылык жок", - деп кыжыры келе кафеге келип, чыйк эттире катуу токтотту.

- Келдик, Тынар, ушул кафе жагабы сага?

- Болот.

- Жүрү анда, - деп жетелеше кафеге киргенде эле төр жакта отурган ата-энесин көрө койду. Аларга жетпей бош орунга отуруп, заказ беришти. Кадырбек менен Саамай кызды көрүп жактырышты, анан сыр алдырбай чыгып кетишти. Элдар алар чыгып кетээри менен:

- Сен отура турчу, - деп эшикке атылды, ал чыкканда атасы өз унаасына отуруп, айдаганы калган экен. - Ата, кандай экен, жактыбы кыз? - деди ашыга.

- Жок! - деди Кадырбек олутту түрдө.

- Эмнеге? - Элдардын айласы куруй түштү. Саамай артында отуруп күлүп калды:

- Бизге жакпаса үйлөнбөйсүңбү, уулум?

- Билбейм, - деп башын жерге сала артына кайрыла берээрде Кадырбек:

- Токто! - деди. Элдар атасын карай бергенде ал баш бармагын көрсөтө, - Азамат, жар тандоодо жаңылбапсың! - деди эле Элдар кубанганынан колун чаап жиберди.

- Чынбы, ата? - деп жанына жетип келди. - Чын айтасыңбы?

- Албетте, бизге кыз жакты, - деди Саамай.

- Рахмат, ата, апа, силерге рахмат! - деп артка жүгүрүп баратып, босогодо өзүн карап турган Тынарды көргөндө токтой калды. Бул учурда Кадырбек унаасын жылдырып, узап кеткен.

- Элдар!

- Тынар, эмнеге чыгып алдың, али тамактана элекпиз го?

- Элдар, тиги сенин атаңдарбы? - деди Тынар ага суроолуу тигилип.

- Тынар, мени түшүнчү…

- Кам санаба, мен таарынбайм, - деп жылмайып койду Тынар. - Алар мени көргөнү келишти беле, ошондойбу?

- Ооба, Тынар, сени көрүп, жактырып кетишти.

- Ырас айтасыңбы? - Тынардын көздөрү жайнап кетти. - Мен аларга жактымбы?

- Сөзсүз жагасың, сен менин сүйгөнүмсүң, Тынар, - деп Элдар кызды колтуктап келип орундукка отургузуп, өзү маңдайына отурду. - Сага айтпаганым үчүн кечир.

- Айтканда келмек эмесмин.

- Ошону билгем, кел эми тамактаналы, - деп алдыга келген тамакты ага жылдырып, өнтөлөп жатты. Экөө колтукташып кафеден жайдары чыккандан кийин сүрөткө түшүштү, паркка барып оюн ойноп, селкинчекке түшүп, караоке ырдап, кечке маал гана үйгө келишти. Кирип келе жатып, дагы Алтынай менен беттешип калышты.

- Эже, кандайсыз, бүгүн сиз биздикине конокко келиңиз, - деди Тынар күлө карап.

- Ооба, келиңиз, - деп Элдар коштоп койду.

- Макул, - деген Алтынай өзүнчө: "Сүйлөгөнүн кара, үнүнөн бери Жоомарттыкы, ушунчалык окшош болот экен ээ, балким менин уулум чыгаар. Аттиң ай, мени баары бир кабыл албайт го, таштап кеткен энени кантип эне демек эле, өзүм да ага айталбайм, айтууга оозум барбайт дагы. Чын эле менин уулум экенин билип алсам кандай жакшы, жанында болот элем, жүзүн көрүп турмакмын", - деп ойлонуп нес болгондой тура берди. Бир кезде Тынар мусор төккөнү чыга калып, анын дагы эле турганын көрүп, ылдый түшүп кетти. Анан Элдар менен Тынар тойго келчүлөрдү тактап жатышты…

Саадат баягы бойдон Арстанбек менен сүйлөшпөйт, сүйлөсө эле жооп бербей терс бурулуп жатып алат. Айласы кеткен Арстанбек:

- Ата-энеңдин дарегин бер, Саадат, киши жөнөтөйүн, - деди бир күнү.

- Эмне деп?

- Жеңетай тоюн жөнөтөм.

- Кереги жок, мен баары бир кетем!

- Кетпейсиң!

- Кетем.

- Саадат, сен менин беделимди түшүргөнү жатасың, - деди Арстанбек ачуусу келе.

- Ажы болуп туруп жаш кызды зордоп алгандан түшпөйбү сиздин беделиңиз, элге сабак болсун деп, кайра-кайра аял алууну үйрөткөнү жатасызбы?

- Эч кандай күнөөсү жок, шариятта эки-үч аял алса боло берет, сойкуларды көбөйтпөш үчүн ошентиш керек.

- Сойкуну көбөйтпөө үчүн сойкуларды алышыңар керек, ошолордун ыйманын тазартып, оң жолго салсаңар анан соопко каласыңар. Силер антпей калгыла, жаш кыздарды көргөндө көзүңөр кызарып, небереңердей кыздарга сугуңарды артасыңар, куу чирендер. Сойкулар сойку бойдон туулуптурбу, силердей мансапкорлор бир түнөп, жолго таштап кетип жатат, анан кимге керек болмок эле алар, жан багуу үчүн ошол жолго аргасыз түшөт. Сойкулар сойку бойдон калып, жумурай журт ичиндеги өңдүү-түстүү кыздар силерге окшогондордун тепсендисинде калып келет! - Саадат дагы жанын күйдүрө сүйлөй берет беле Арстанбек чыдай албай кетти:

- Жетишет!

- Чучугуңуз зырп эттиби, жүрөгүңүз оорудубу? Жо-ок, башкалар үчүн силердин жүрөгүңөр оорубайт, түгүңөр коробойт, өзүңөргө керектүүлөргө бүт дүнүйөңөрдү сарптап, жандалбас кылаарыңар белгилүү!

- Жетишет дедим го сага!

- Кетүүмө уруксат бер!

- Уруксат, сен дагы сойкуларга барып кошул!

- Ал менин ишим, паспортумду бериңиз.

- Азыр беремин, - деп Арстанбек бөлмөдөн чыгып барып кайра келди. - Мына алгын! - деп паспортун алдына ыргытты.

- Рахмат сизге, эл алдында сопусунган молдонун, ыйык ажынын жүзүн, анык жүзүн көрдүм, - деп Саадат өз кийимдерин алып, Арстанбек алып бергендерин бөлүп, спальныйдын үстүнө койду. - Бул сиздики, колдонгон жокмун, - деп чемоданын алып чыгып баратканда карысынан булка кармады Арстанбек.

- Булардын баарын ал, ал эми менин сенин тагдырыңды талкаганым үчүн тарткан айыбым бул, чын жүрөгүмдөн сүйүп калганымды түшүнбөдүң, эч болбосо ушуну кабыл ал! - деп бир ууч акчаны кийимдердин үстүнө койду. - Эгерде буларды албасаң эч жакка кетпейсиң?

- Кереги жок!

- Кереги жок болсо чачып жибер.

- Ала албайм, мен өзүмдү сатат деп ойлойсузбу?

- Жок, сен андай кабыл алба, албасаң чыгарбайм, - деп спальныйдын үстүнө түртүп ийди. - Алып кет, болбосо кетем деп ойлобо! - деп эшикти тарс жаап чыгып кетти. Саадат эмне кылаарын билбей нес болуп отура берди. Ошол убакта Кумарбек телефон чалды эле албады. "Эмне кылсам, баары бир чыгарбайт, андан көрө баарын алып кете берейин, мында түбөлүк кала албайм", - деп ойлонуп кийимдерди чемоданга салып, акчаны сумкасына салды да, чыгып кетти. Аны Арстанбек терезеден узата карап турду, артына кылчайбастан кетип бараткан Саадатты ал чын ниети менен сүйүп калган. Буга чейин бир ай жашап кеткендерге эч нерсе карматчу эмес, бул жолу ага бүт дүйнөсүн, болгон байлыгын чачууга даяр эле…

Кумарбек кайра-кайра чала берди, Саадат жолго чыгып, Тынардын үйүнө кетчү унаага отурду. Чөнтөк телефону жан-алы калбай чырылдай бергенинен Тынардын үйүнө жетип, подъездге кире берээрде чемоданын жерге коюп, отургучка отура кетти. Анан телефонду тыңшап калды.

- Алло, Саадат, эмнеге албайсың? - деди Кумарбек алаары менен.

- Кумарбек, мен Тынардыкындамын…

- Чын элеби, мен азыр эле жетем! - деп кайра телефонун өчүрүп салды.

- Жинди, - деп өзүнчө рахаттана жылмайып алып, экинчи кабатка чыкты. Саадатты көргөндө Тынар кубанып кетти.

- Оо-ой Саадат, сени чын көрүп турамбы?

- Түшүң эмес.

- Жакшы болбодубу, жалгыз отурдум эле, кирбейсиңби үйгө.

- Кирем, - деп күлө карап, чемоданын сүйрөй ичкери кирип, - мен биротоло келдим, - деди заматта сумсайып.

- Келгениң жакшы, биз үйлөнүп, Элдардын үйүнө кетсек сен үйдө боло бересиң, эч кам санаба. Кана, тамак жасай койойун, сен жайланып отуруп, кино көрө бер, - деп Тынар ашканасына кетти. Саадат сумкасын ачып, акчаны карады, санаса он миң сом экен. "Мен өзүмдүн абийиримди ушул акчага саттым ээ, албаска аргам дагы жок эле, болбосо кетирбей койору бышык болчу. Кутулганыма тобо дейинчи, түрмөдө жаткандай эле болдум", - деп ойлонуп отуруп калды. Тынар газга куурдак жасап жатканда Саадат эшикке чыгып кетти, ал азыр негедир бирдеме ичкиси келип, дүкөнгө чыккан. Бир аз ары-бери басып, анан вино менен сок, банан, дагы майда-барат алды. Ал чыгып кеткенде Кумарбек келип, ички үйдү карап, кайра ашканага кирди.

- Саадат келди беле?

- Ооба, үйдө отурган.

- Жок го?

- Билбейм, - деп Тынар келип таппай калды, чемоданын көрдү. - Кийим-кечеси турат, - деп күбүрөнө ажаткананы карады. - Сыртка чыкса керек.

- Сен байкабай калдыңбы?

- Мен тамак жасап жаткам, ал отурган, - дегиче Саадат кирип келди. - Ой сен кайда кетип калдың, айтып чыкпайт белең?

- Эмне болду, дүкөнгө барып келдим.

- Кандайсың, Саадат? - Кумарбек ага колун сунду.

- Жакшы. - Саадат мостойо жооп кылды. - Менин ичким келди, анан дүкөнгө барып, вино алып келдим.

- Ой жинди десе, бар эмес беле? - деп Тынар күлүп ийди.

- Болсо эмне, аны дагы ичебиз, Элдар кана, бүгүн менин көңүл ачкым келет.

- Бул чын эле сенсиңби, Саадат? - деп Кумарбек аны таңгала карады.

- Бул мен эмес, менден калган бир элес, жүрөгүмдү өрттөп турат бир мерез, ошол күндү, ошол саатты эстесем, жан дүйнөмдү оорутканы аз келип, ээрчип алды ал элес…

- Фантизияң күчтүү, артта калган нерсенин баарын унут, Саадат, алды жагыңды эркин кара, келечегиң алдыда сенин, өзүңдү карма, - деп Тынар курбусун жубата ыс-сык куурдакты алып келип, ортого койду. - Кана, карын ачып кетти, бирдеме жейличи.

- Ичеличи…

- Шашпа, азыр сенин келишиңди жууйбуз, - деди Кумарбек. Үчөө көңүлдүү отурганда Элдар кирди.

- Кандайсыңар?

- Жакшы, келгениң жакшы болду, эми чогуу эс алып келели. - Кумарбек аны кубанычтуу карап, - Туурабы, кыздар? - деди.

- Албетте, көңүл ачып келебиз ээ, Элдар, Саадат дагы келип калыптыр, биз менен келип отур.

- Эң сонун, мен өзүм да Тынар экөөбүз эс алып келсекпи деп келгем, - Элдар үстөлгө отуруп жатып, Саадатты карады. - Акылбал кандай, Саадат, иштер-тиштер?

- Жакшы.

- Келгениң жакшы болду, эртең Тынар үйүнө барат, сен бирге бар, биз менен чогуу келесиң, дем алыш күнү свадьба беребиз, иши кылса көп жумуш бар. Биз Кумарбек экөөбүз силерди узатып коюп, иш бүтүрө берели.

- Албетте. - Кумарбек Тынарды карап, сырдуу жылмайып койду. - Силер чогуу келесиңер да.

- Ооба, - деп койду Тынар. Саадат үндөгөн жок, "Эх жараткан, эмне деген жашоону баштан өткөрүп жатам деги? Турмушта бир жаңылган адам оңой менен орун таба албайт дечү эле, мен катуу жаңылдым, өзүмдү-өзүм куруттум, неге? Бул суроого жооп табууга кудуретим жетеби, мындан ары кандай күн көрөм, окууга тапшырып окусам дегенде эки көзүм төрт, канткенде окуйм? Же кыз эмес, же аял эмес орто жолдо калдым. Бул күндөр түш көрүп жаткан сыяктуу сезилет, көзүмдү ачсам эле тозокко кабылчудаймын, кимге таянып, кимге ишенем, кандай өмүр өткөрөм, деги мени кандай тагдыр күтүп жатат болду экен?" - деп убайымданып отурганда Кумарбек:

- Кеттик, - деди аны колдон алып.

- Кайда? - Саадат чочуп кетти, эки жагын караса Тынар бирдемелерди салыштырып, көтөрүнүп жөнөп калыптыр.

- Болгула эрте, - деп коюп босогону аттап, чыгып кетти, Саадат оор уйкудан ойгонгондой элеңдеп Кумарбектин жетегинде сыртка чыкты. Төртөө чоң жолдо зымырай кетип баратты, жандай өтүп, артта калып жаткан кызыл-тазыл кооздолгон имараттар, кафе-барлар, көп кабаттуу үйлөр баары өзүнчө укмуш көрүндү. Табигат адам баласынын жан дүйнөсүн кооздукка суктануу үчүн жараткан эмеспи, бейпил турмушта эч санаасыз айланага суктана карап, ырахаттанып жүргөндүн ордуна адамдардын тиричилик үчүн жулунуп каршы-терши ашыкканына таң каласың. Бирок азыркы жетип-жетпеген турмушта жулунбаска аргаң барбы, анда нанды ким таап берет, бала-бакыраңды ким багат. "Ылайым эле адам баласы мен сыяктуу туюкка камалбаса экен, кайгы-касиретсиз бейгам жашаса экен, дүйнө жүзүндө эне-балага азап түшпөсүнчү", - деп ойлонуп баратты Саадат. Тынар менен Элдар алдыда, ар кайсыны сүйлөшүп, күлүп келатышат, кээде аларга Кумарбек дагы кошулуп калат. Саадат гана узун ойдун учуна жетпей өзү менен өзү болуп баратат, ага тигилер да унчукпай, балким ойлонуп өзүн колго алсын дештиби, айтор жайына тим коюшту. Бир кезде шаардан чыгып, ээн жакка бет алышты, көк чөптүү, гүлгө толгон талаага келгенде унааны токтотуп, жерге түшүштү. Тынар арыдан-бери ала келгендерин жая салды, Саадат дале ойлору менен алек, алардан алыстай өзүнчө кетип калган. "Тирүүлүктүн өзү бакыт дешет, жан дүйнөң ооруп турса кайсы бакыт, мен тирүүмүн, бирок жаралуумун. Бул жан кейиткен дене оорусу эмес дил оорусу, мен бул дарттан кандай болгон күндө арыла алам, ким күнөөлүү, колунда жок ата-энемби, эрки бош, чыдамы жок өзүмбү, же тагдырбы?", - деп жай басып кетип жатканда артынан Кумарбек жете келди.

- Ойлонуу да ооруга чалдыктырат, жетишет го, Саадат, - деп колдон алды. - Көңүлүңдү чөгөрбөчү, алтыным.

- Жай ойлоого да болбойбу? - Саадат саал жылмая карады.

- Ой түбүнө жеткен пенде болгон эмес, ой сени сары ооруга гана чырмап салат, болгону ошол, жаштайыңда оорулуу болсоң да каласың, күлгүн өмүр өзүнөн-өзү соолуйт. Сен али жашсың кетирген кемчилик да бир кезде унутулат, жаркын жашоого бет аласың, өзүңдү карма, Саадат.

- Рахмат, кыйын кезде жанымда болуп, чөккөн көңүлүмдү көтөрүп койгонуңа ыраазымын, ой көлүнө чөксөм да кол сунаарым бар экенине тобо!

- Сени чөктүрбөй калайын, жаным, билесиңби?

- Эмнени?

- Биринчи таанышкан күндү эстесең.

- Эстегенде эмне…

- Жо-ок эстесең, мен ошол күндү көп эстейм, кайра-кайра көзүмө элестей бересиң, анан…

- Эмне анан?

- Анан сени жакшы көрүп кетем, таанышып калганыма ичимен аябай кубанам, - деп Кумарбек сүйгөнүн жылмая карап, жандай басып баратты. - Ошол күн менин эсимде түбөлүк калды, сен көз алдымда, ал тургай түшүмө да кирет, түнү бою экөөбүздүн уктабай таң атырганыбыз, эсиңдеби ошол күн?

- Эсимде.

- Саадат, үйлөнөлүчү.

- Эмне, мазактаганыңбы, Кумарбек? - Ызалуу карап токтой калды. - Мен өткөндө эле айтпадым беле?

- Мен сени мазактабайм сүйөм, Саадат.

- Жалган!

- Чын айтам.

- Ишенет деп жатасыңбы?

- Ишенбесең далилдейм.

- Кумарбек, мен эми сага тең эмесмин, көз алдыңда эшик аттап, бир күйөөгө чыгып келдим, мен өзүмдү-өзүм кечире албай жүргөндө сен мени кантип кечире аласың? Жигиттик намысыңды карма, экинчи бул сөзүңдү уккум келбейт! - деген Саадат Тынарларды көздөй ылдамдай басып жөнөдү.

- Мен уйгакмын, сүйүү мени чырмады,

Көңүлүмдү башка нерсе бузбады.

Жаш жүрөгүм сени гана сүйөм деп,

Күнү-түнү жалгыз сен деп сыздады-ы! - деп Кумарбек көк чөпкө жатып алып бакырып, бир обонго салып ырдап жатты. Саадат Тынарга жетип, унчукпай отуруп калды.

- Менин досумду кайда жоготтуң? - деп Элдар тамашалай күлүп калды. Ал учурда Кумарбек ары жактан келе жаткан:

- Айыпсыз жан жүрөгүм ооруп жатат,

Айыктырчы азаптуу жан дүйнөмдү.

Бир гана сен, дабаасысың жүрөгүмдүн.

Сунайын бир өзүңө ак сүйүүмдү! - деп жете келип Саадаттын жанына отуруп алып, ырдай берди.

- Досум сен сүйүүдөн дубана болгону калгансың го? - Элдар каткырды.

- Адамзатты акылынан адаштырган,

Дүйнөдө ыйыгы жок ак сүйүүдөн.

Керек болсо акмакты адам кылат,

Керемет жок махабаттан, чын сүйүүдөн, - дегенди билесиңби, досум. Чынында жоопсуз сүйүүгө кабылба, жоопсуз сүйүү адамды жок кылышы мүмкүн. Мен сүйүүнүн жемишин көргүм келет, жыргалына батып, чалкыган деңизинде сүзгүм келет! - деп Саадатты карап, чөк түшө калды. - Силердин көзүңөрчө мен Саадаттан менин сүйүүмдү кабыл алышын өтүнөм!

- Кумарбек, мунуң болбойт да, - деп Саадат тура калмак болгондо колунан тартып калды.

- Саадат, жообуңду күтөм!

- Азамат, азамат, Кумарбек!

- Азамат десе, кана, Саадат, макул бол, макул де! - деп Тынар менен Элдар экөөнү тегеректей, шыкак бере кол чаап жиберишти.

- Саадат, макул деп кой эми.

- Тынар, мени бул жерге ушун үчүн алып келдиңер беле? - Саадат аргасы кете ыйламсырай карады. - Же мени атайылап эле бооруңар ооругандан ушинтип жатасыңарбы?

- Саадат, эгерде боор ооругандык десең жаңыласың, алды-артыңды карап көрчү, биз сени шакабалагандай көрүнүп жатабызбы? Же Кумарбек сенин оюңча сөзүнө тура албаган, ойлонбой сүйлөгөн жаш бала көрүнүп жатабы? - Элдар катуу сүйлөдү. - Же Кумарбек өз сөзүн баалабай, ойлонбой сүйлөгөн жигитке окшоп турабы?

- Туура, Саадат, сен өзүңдү басынтып жатасың, андай болбо, сен сүйүүгө татыктуу кызсың, бактылуу болууга акылуусун, Саадат, - деп Тынар жанына отура калып, түшүндүрүп кирди.

- Тынар… - Саадат ага жөлөнө буркурап ийди. - Мен Кумарбектин бул сүйүүсүнө өзүм татыктуу эмесмин, ал жаңылып калуусу мүмкүн, кийин өкүнбөсүн дегеним. Үй курганда пайдубалын ылайыктуу жерге куюш керек, эгерде ал жер нымдак болсо, салган тамың кулап же ичи ным тартып, көгөрүп кетет. А сүйүү дегендин артында үй-бүлө турат, үй-бүлөнү куруш үчүн терең ойлонуп, анан чечишибиз керек, ылайыгы келбей калып кийин көк жыттанган үйгө окшоп, жүрөктөр музга айланып отуруп, акыры эки жолго түшүүгө туура келет…

- Мен ойлонуп чечип койгомун, Саадат, сенин артыңан жүргөнүмө беш ай болду го?

- Түшүнчү, Кумарбек, - деп Саадат жалооруй караганда Кумарбек ордунан тура калып, Саадатты жерден көтөрүп алып, көк майсаңды аралай жөнөдү.

- Биз кеттик, бакыт үйүнө-ө!

- Азамат, Кумарбек, жигиттигиңди билгиздиң!

- Азаматтар! - дешип экөө аларды карай туруп калды, ошол кезде Элдар Тынарды көтөрүп жөнөдү. - Оо-ой сага эмне болду, Элда-ар?!

- Биз дагы бакыт үйүнө! - деп Кумарбектин артынан жете келди. Эки кыз бири-бирин карап күлүп жиберишти.

- Түшүрчү, Кумарбек.

- Сен качан макул дегенче көтөрүп кете берем.

- Түшүр, кайда алып барасың?

- Жоопсуз сүйүүмө жооп издейм.

- Макул эми, мен макулмун! - деп Саадат күлүп калганда:

- Чынбы, Саадат? - деп токтой калды.

- Чын айтам, мен баарына макулмун, эмне десең да макулмун.

- Ур-ра-а! - деп жерге койду да, кучактап алды. - Мен сүйүүмдү тапты-ым! - деп үнүнүн барынча кыйкыра берди.

- Кумарбек, болдучу эми.

- Болбойм! Менин сүйүүм түбөлүк,

Түбөлүк өмүр сүрөлүк.

Сүйүүдөн бала жаратып,

Аман-эсен жүрөлүк,

- деп каткырганда Элдар алардын жанына келип, Тынарды жерге түшүрдү, анан Кумарбекке кошулду.

- Сүйүүлөр эскирбесин, кирдебесин,

Түбөлүк ортобузга так түшпөсүн.

Сүйүүнүн ырахаттуу балын татып,

Ылайым өмүрүбүз гүлдөй берсин!

- Ай-ий, тим эле экөөңөр укмушсуңар го? - Тынар аларга таңгалганын жашырбай Саадатты карады. - Көрдүңбү, Саадат, биздин жигиттер кандай азамат экенин.

- Көрдүм.

- Жүргүлө, кардыбыз ачты, - деп Элдар Кумарбекке карады эле ал Саадатты колтуктан алды.

- Карынды кампайталы, анан бир аз сүйлөшчү сөздөр бар, - деди.

- Макул.

- Кеттик! - Төртөө эки-экиден кол кармашып, унаа турган жерге чейин жүгүрүп келишип, күйүгө бири-бирин карап, кубанычтуу кол кармаша тегеренип, кайрадан ырдап-бийлеп киришти. Көптөн кийин алып келгендерин ичип-жеп, таттуу шараптан алып көңүлдүү отурушту. Кечке маал шаарга кайтышты. Саадат келе жатканда мурункудан көңүлдүү болуп, анда-мында сүйлөп жатты. Элдар менен Кумарбек эки кызды жеткирип коюшуп, өздөрү андан ары кетишти.

- Саадат, - деди Тынар жигиттери кеткенден кийин. - Сен туура кылдың, кызга бергис жубан бар деген сөз бар эмеспи. Өзүң көрүп жүрбөйсүңбү, мен деле Элдар менен бир жылдан бери жатып-туруп жүрөм, эгерде ал албайм деп басып кетсе, аргам жок кала бермекмин, кимге даттанат элем?

- Аның туура, силер башынан бири-бириң менен болгонсуңар, сенин биринчиң Элдар, а Кумарбектин кандай ою бар экенин ким билет, жөн гана боору ооруп жатабы… Макул деп сынап көрөйүн, кандай болоор экен?

- Жок, Кумарбектин ою таза, менимче ал сени чын дили менен сүйөт, менин айтканыма ишен, курбум, - деп экөө сүйлөшүп отурушту. Саадат да азыр баарына кайыл болду, кантсе да өзү теңдүү жаш жигиттин шагын сындырбай, ою менен болууга бел байлады. Бул кезде Кумарбек менен Элдар экөө сүйлөшүп, кыздарга билгизбей сюрприз даярдамак болуп жатты. Элдарга макулдашып коюп, үйүнө барган Кумарбек аял алаарын ата-энесине кантип айтаарын билбей кайсаңдай берди. Аны байкаган Ырыскелди аялына көз ымдап:

- Апасы, бу балаңдын жаңылыгы бар го? - деди эле апасы Зейнеп күлүп калды.

- Өзүң сүйлөшчү, уулуң чоңоюп калбадыбы.

- Апа-а, - Кумарбек дулдуя жер карады, - баягыда айттым эле го?

- Үйлөнөйүн дейсиңби, уулум? - Ырыскелди токтоо, олуттуу түрдө уулун карады. - Айта бер ачык эле, эми чоң жигит болуп калдың.

- Ооба, үйлөнөм, ата.

- Кыз жагабы өзүңө?

- Жагат.

- Анда ата-энесине баралы.

- Ата-энеси алыста, а мен Элдар менен мелдешкем, экөөбүз бир күнү үйлөнмөкпүз.

- Эмне дейт? - Зейнеп баласын ормойо карады. - Сен эмне ата-энесине айтпай эле үйлөнө бермек белең?

- Агалары бар, ошолорго айтабыз да.

- Кыз эмне дейт?

- Ал билбейт, сюрприз кылсамбы дегем.

- Ал эмнең, уулум, кыз дагы билбесе кандай болот? - деп Ырыскелди ойлонуп калды, Кумарбекти эшикке алып чыгып, көпкө сүйлөштү. Бир пикирге келди белем, ата-бала күлмүңдөй үйгө ээрчише киришкенде Зейнеп таңгалганынан экөөнү жал-жал карап тим болду. Айткандай эле тойго камынып калышты. Саадат менен Тынар базарга барып, майда-барат алып жүрүшкөн, бир кезде алдыда бараткан Тынар делдейе катып туруп калды. Ал баягүнү түшүндө көргөн адамга куюп койгондой опокшош кишини көрүп, эси ооп тура берди.

- Тынар, сага эмне болду, бас кеттик, - деди Саадат аны колунан тартып. - Бас дейм, бол кеттик, - дегенде эки жагын карана курбусунун артынан кетип баратып да алиги киши турган тарапты колу менен көрсөтө берди.

- Саадат, мен түшүмдө көргөн адам…

- Кайдагыны сүйлөбөчү, Тынар, кимди айтып жатасың?

- Тигине, тиги адамды карасаң, тиги жерде мени карап турат.

- Жокту сүйлөбөчү, жүрү кеттик. - Саадат Тынарды колдон ала базардан чыгып кеткиче шашты.

- Эмнеге, Саадат, ал түшүмө кирген адам бомж экен, карачы аны, биздин артыбыздан келе жатат, - дегенде Саадаттын жүрөгү түштү. Тынар жаңсаган жакты караса, эч ким көрүнбөйт. "Ооруп калдыбы, буга эмне болду?" - деп такси кармап, үйүнө алып келди.

- Тынар, чарчасаң керек, мен дагы сени кыйнап койдум окшойт, суу ичип алчы, - деп суу алып келип берди. - Эс ал, мен чай койойун, сен экөөбүз эртең сеникине жөнөшүбүз керек, иш көп, кийимиңди, чачыңды жасашың керек, - деп жанына отуруп, эти ысыган жокпу деген ойдо алаканы менен чекесин басып көрдү. - Чарчаган экенсиң ээ?

- Саадат, ал киши менин түшүмө кирген, - деди Тынар бир чекитти теше тиктеп ойлуу. - Мен сенин атаң болом деген, менин өз атам бар, неге андай болду, башым катып турат.

- Койсоңчу, Тынар, андай болбойт, өзүңө келчи, жөн эле ойлонуп койсоң керек, болду унут аны.

- Билбейм, ал кишини бирөөгө окшоштуруп жатам, бирок кимге экенин билбейм, - деп экөө кобурашып, Саадат курбусун тынчтандырууга аракет кылып жатканда эшик тыкылдады. - Саадат, ошол киши келди, карачы ошол! - деп калтыраган Тынарды көрүп, Саадат өзү да коркуп турду. Бирок сыртынан билгизбей:

- Кайдагыны айтпачы, Элдар келгендир, отура тур мен карап келейин, - деп Саадат эшикке жеткиче бир топ ойлорду ойлонуп, беш-алты кадам жер ат чабымдай алыс сезилип, жете албай баратты. - Ким?

- Мен кошуна, ач эшигиңди, кызым, - деген аялдын үнү чыкканда Саадат ачып жиберип, эс ала түштү. "Эми аял болуп келген жокпу?" - деген ой башына келип, бүткөн бою муздай туруп калганда:

- Тынар жок беле? - деп сурады тигил аял.

- Аа-а, бар-бар.

- Чакырып койчу, кызым.

- Азыр, - деп коюп, Саадат Тынарга келди. - Бир аял чакырып жатат.

- Алтынай эже го? - Тынар дароо туруп, босогого келди. - Келиңиз, эже, кириңиз үйгө.

- Жок, ушул жерден эле кетем, сени чай ичели деп чакырып келдим эле.

- Курбум бар эле, эже.

- Элдар жокпу?

- Ооба, ал тойго камынып жүрөт.

- Анда курбуң экөөңөр баргыла, атайын эрмектешип отуралы деп ойлогом, жалгыз зеригет экенсиң.

- Эже, курбум менен кеңешейин, анан барабыз, кирип нан ооз тийсеңиз боло?

- Ооз тийейин, - деди Алтынай жылмайып, Тынар нан ооз тийгизип, эшигин жапты.

- Бул ким?

- Коңшу аял, үйүнө чакырып келиптир.

- Сен барып кел, мен отура берем, бир аз алаксыйсың.

- Мен сени таштап барбайм, жүрү экөөбүз тең эле барып кайра келебиз, жалгыз зериккенинен чакырып калат, - деп Тынар билгенин бежиреп берди. Анын оңоло түшкөнүнө кубанган Саадат макул болуп, экөө Алтынайдын үйүнө кирип келгенде бет маңдайындагы күзгүгө кыстарылган сүрөттү көрүп, Тынар дел болуп туруп калды. Анын жалдырап туруп калганын көргөн Саадат этегинен тартты. Анын:

- Отурбайсыңбы? - дегенин укпагандай Тынар күзгүгө басып барды. Ошол кезде Алтынай чай көтөрүп келе жаткан. - Эже, бул сүрөттөгү ким? - деди кыз портретти колуна алып.

- Ал сага айткан менин жигитим, - деди Алтынай каамарабай.

- Эже…

- Ооба, кызым, Элдарга окшош, мен дагы Элдарды көргөндө эс-учумду жоготуп койгонум ошол, сен дагы мендей болуп жатасың, - деп кыздарга чай куюп сунду. Тынар портретти кармаган бойдон Саадаттын жанына келип отурду, аны көргөн Саадат дагы оозун баса отуруп калды. Тынар ичинен: "Жо-ок, бул калп айтат, Элдарды азгырган сиңдиси же кызы бар окшойт, кайра-кайра эмнеге чакырып калды десе", - деп ойлонуп сүрөттү үстөлгө койду.

- Эже, мунусу сизби? - деп сурады жигиттин жанындагы кызды көрсөтө.

- Ооба, жыйырмадагы курагым, - деп аял күлө карады. - Ушул адам деп өмүрүмдүн баары текке кетти. - Ушинтти да, үшкүрүнүп алды. - Билинбей өмүр өтө берет экен, өткөнүң кечээ гана болгондой көз алдыңда, колуңардан келсе жаңылбагандай болгула, кыздар, - дегенде Саадаттын жүрөгү "зырп" эте сайгылашып кетти. Ошол кезде Тынардын башына дагы бир ой келди: "Элдар төрөп таштап кеткен экен дебеди беле, балким ушул аял болсо керек, ошол үчүн жалдырап карай берет чыгаар. Кызык, төрөгөн апасы Алтынай экенин билсе ал эмне болоор экен, жанагы киши дал ушунун өзү, ооба-ооба. Көрсө, аны дагы Элдарга окшоштурган экенмин да, эртең сөзсүз Элдарды өзүм ээрчитип келем, өзү көрсүн сүрөттү", - деп отурганда:

- Тынар, сага эмне болду? - деп калды Саадат.

- Эчтеке.

- Чай ичпедиңер да, кыздар, бул сүрөттү канча жылдар бою катып келе жатам. Ал үй-бүлөөлүү, бактылуу болсо керек, а мен аны кирип келип калчудай күтө берем, күтө берем, - деп Алтынай экөөнө карады. - Эч качан тагдырыңарга кайдыгер карабагыла, күрөшө билгиле, ансыз дагы өмүр кыска, кыздар…

- Сүйлөшкөн жигитиңиз беле? - Саадат кызыга сурап калды.

- Ооба, биз ал кезде ушунчалык бактылуу элек.

- Анан эмне болду эле?

- Үйүнө кетип эле келбей калды, балким ата-энеси каршы болгондур, же аялы барбы, келем деп кетип келбеди, а мен болсо ал үчүн өмүрүмдү курмандыкка чалдым…

- Кийин башкага чыгып алсаңыз болмок.

- Картаям деп ойлобопмун. - Алтынай тамашалай күлүп койду.

- Ошол бойдон жолуккан да жоксузбу?

- Кайдан?

- Жаман болуптур…

- Ооба, өзүң канчалык далбастаганың менен тагдыр чечип койот тура, - деп аларды карай алакан жайды. - Кыскасы пешенем ушул экен, кыздар.

- Биз баралы, эже, чай-тамагыңызга ыраазыбыз, эми бизде кезек, колубуз бошобой эле, - деди Тынар чын дилинен. - Буйруса той өткөндөн кийин келчүдөй болуп калдык.

- Иши кылып бактылуу болгула, кызым, келгениңерде өзүм дагы кирип куттуктайм, - деди Алтынай аларды узатып жатып. - Жакшы баргыла.

- Жакшы эс алыңыз.

- Эсен болуңуз, - деп Саадат менен Тынар үйгө киришти.

- Саадат, бу жерде бир сыр бар, сен билесиңби? - деп Тынар Саадатка билгенин айтып берди.

- Чын элеби? - Саадат көзүн чоң ачып, оозун басып калды.

- Элдар өзү айткан, төрөлгөндө эле таштап кеткен имиш.

- Ай-ий укмуш ай, эми эмне болот, сүрөт жөнүндө айтасыңбы Элдарга?

- Билбейм, эмне деп айтам?

- Мен дагы билбейт экенмин.

- Менимче айтпай эле билмексен болгонум жакшы го дейм?

- Туура, балким жөн эле окшоштук чыгаар, болбогонго чуу көтөрө бергендин кереги эмне? - Ошол кезде Саадаттын телефонунда кат түшкөн белги пайда болду. Ал кат Кумарбектен экен, "Саадат, кандай отурасың, көңүлүң кандай, ойлонгон жоксуңбу?", - деп жазыптыр. Бир аздан кийин: "Түнүң бейпил болсун, жаным, түшүңдө мени көрүп чык", - деп кайра: "тамаша", - дептир, өзүнчө жылмайып койду.

- Сен эмнеге жооп жазган жоксуң? - деп Тынар аны карады.

- Эртең жазам.

- Азыр жооп берип кой да.

- Кереги жок, - Саадат күлүп койду. Жалындаган жаштыктын кызык күндөрү ошентип миңдеген жаштардын сонун учурун канатына катып, ар бир түндү жамынып, кайра күн менен кошо жаңы жашоо уланып, убакыт токтобой өтө берет эмеспи. Тынар менен Саадат барганда Сапарбек абдан кубанды. Баарын даярдап, аларды гана күтүп калышкан экен, себин да жыйып коюптур. Саадат ичинен өзүн кемсинтип турду, үй-жайы жакшы болгондуктан конок бөлмөнү эки келини абдан жасаптыр. Тынарга деп алган көйнөгү Саадатка аябай жакты. Эртеси кечке маал Кадырбектер жоон топ болуп келип, салт менен болочок келинге сөйкө салышты. Конок күтүү, кыз узатуу каадасы, өз-өз ирээти менен болуп, Тынарды урмат-сый менен узатышты. Тез эле кайра үйлөнүү үлпөтүн өткөрөөр күн келип, баары чогулушту. Саадат менен Тынар үлпөткө даярданып жатышат.

- Саадат, кел сен экөөбүз окшош көйнөк кийели, мына мен сага даярдап койдум, - деди Тынар.

- Койчу, курбусу мындай эле кийинет го, үлпөт көйнөктү кийип барганымды элестет, акылынан адашкан немеби, эрге кетчүдөй болуп кийип алганы эмнеси дешпейби. Андан көрө бол эрте, Элдар күтүп калды.

- Мен сага таарынамын, айтканымды аткарып, бул көйнөктү кий, болбосо мен дагы барбайм, - деди Тынар көгөрө.

- Жинди болдуңбу, канча адамдар күтүп калышты, анын үстүнө бакыт үйүндө үйлөнгөндөр көп болчу эле, өз кезегибиз келгенче үлгүрүшүбүз керек.

- Жо-ок, сен кийин.

- Койчу, бай болгур, - дешип талашып-тартышып жатып, Саадат Тынардын көйнөгүнө окшош үлпөт көйнөгүн кийгенде өзүн тааныбай калды. "Балким мен мындай көйнөктү кийбейт чыгаармын, курбум кий деген соң кийип койойун", - деп ойлоду. Анан жасанып алып, экөө чыкканда Элдар сыртта машинасында күтүп отурган. Чуркап чыгып, перидей көйкөлгөн кыздарга эшик ачты.

- Элдар, куттуктайм! - деп Саадат Элдардын колун кысып, бетине өөп койду.

- Рахмат, Кумарбек келген жокпу? - деп Элдар сурап калды.

- Ал сени менен го дегенбиз.

- Дос деген ошондой экен да, келбегенин кара, - Элдар таарынгандай түр көрсөтө Тынардын жанына отурганда, машинени агасы, Кадырбектин бир тууган иниси Садырбек, айдап жөнөдү. Алар бакыт үйүнө эмей эле адегенде өчпөс от жакка келишти. Аерге барганда лимузин менен күтүп турган кара костюм-шымчан Кумарбекти көрүп, Саадат аптыгып калды. Кумарбек өзүн көздөй келип, саал ийиле колун сунду.

- Саадат, мага турмушка чык!

- Кумарбек! - Саадат эмне дээрин билбей эки жагын карана ыңгайсызданып калганда Тынар басып келди.

- Ооба де, Саадат.

- Ооба деп кой, Саадат! - деп Элдар жете келди. Саадат ары жакта ата-энеси, эжелери менен эки агасы жүргөнүн көргөндө көзүнөн жаш куюлуп кетти.

- Ооба, макулмун! - деп башын ийкегенде баары кубана кол чаап калышты. Ошондон кийин гана Кумарбектин ата-энеси менен Саадаттын эки эжеси, эки агасы, бир жеңеси жаштарды тегеректеп куттукташты. Саадат кубанганынан сөз сүйлөй албай көз жашын үнсүз төгө Кумарбекти карай берди. - Бул эмне кылганың?

- Айтсам сен макул болмок эмессиң да, - деди ал күлө. Бир аздан кийин Элдар менен Тынар өзүнчө, Кумарбек менен Саадат өзүнчө машина менен ээрчише бакыт үйүнө келип токтошту. Эки курбунун көздөрүнөн кубанычтын учкундары чачырап, жүздөрү албырып, бөтөнчө бактылуу. Саадат болуп жаткан окуяга ишенип-ишенбей, Кумарбекти жал-жал карап коюп жатканда:

- Бактылуусуңбу, Саадат? - деп шыбырай сурады ал.

- Түш көрүп жаткандаймын, ойгонуп кетсем баары жоголуп кетеби деп корком, Кумарбек.

- Түшүң эмес, бул өңүңдөгү бакыт, сен экөөбүз бактылуубуз, жаным, - деп Кумарбек колуктусун колунан өөп койду. - Көрдүңбү ата-энемди, кубанып жатышат, сен алардын эң улуу келинисиң.

- Көрдүм, сени уятка калтырбасам болду.

- Эмнеге? - Экөө эңкейе шыбырашып жатты.

- Мен…

- Өзүм жооп берем, андан кабатыр болбо, Саадат.

- Ыраазымын.

- Агаңдарды чакырып койгонума капа болгон жоксуңбу?

- Жок, аларды кантип таптың?

- Билесиңби, сен менин телефонум менен чалбадың беле?

- Ооба, аны сактап койдуң беле?

- Ананчы. - Кумарбек култуңдай жооп берди. Ошол маалда алардын жанына Элдар менен Тынар келип туруп калышты, бири-бирин куттукташкан дос-курбулар ЗАГСка кирип чыгышты. Ата-энелери бири-бири менен таанышып сүйлөшүп, эки бөлүнүп эки кафеге кетишти. Ошентип эки курбу ойго келбегендей бакытка бөлөнүп, сүйүктүү жарларга айланышты. Саадаттын самандай сапырылган ойлору заматта житип жок болду, той көйнөгүн кийгенден үмүтүн үзүп койгон эле. Ушул күндөр анын өмүрүндөгү унутулгус мүнөттөр болчу. Ата-энесин болушунча сыйлап, ырым-жырымы менен салтты унутпай, кудалар бакылдашып отурушту. Элдар Кумарбекке эртеси эрте эле телефон чалды. Анан төртөө жолугушуп, аянтка барып сүрөткө түшүштү, музейге кирип, андан ары өчпөс отко гүл коюшту. Андан кийин ресторанга кирип тамактанышкан соң эс алганы Ысык-Көлгө кетишти. Ысык-Көлдө үч күн туруп, Бишкекке келишти да, кайрадан үй-үйүнө бөлүнүштү. Кумарбек үйдүн улуусу болгондуктан, тун келинин Зейнеп жакшы эле көрүп турса дагы Саадаттын кыз келбегени, баласы менен мурда жатып-туруп жүргөнү ичин муздатып койду. Эгерде баласынан башкага тийип келгенин укса эмне дейт эле, ким билет. Кумарбектин ага болгон таза сүйүүсү гана анын абийирин сактап калганын Саадат сезип турду. Анан бат эле бөлүнмөк болушту. Тынарды болсо ата-энеси жакшы кабыл алды, оңою менен бөлө койбочудай. Өзү дагы илбериңки, кичи пейил, айттырбай билген келин болду. Элдар экөө абдан ынак, ынтымактуу. Элдар Кумарбектин бөлүнөм деген оюн угуп, Тынарга айтты эле ал өз үйүн сунуш кылды. Ошентип алар бир айдан кийин турмуш арабасын өздөрүнчө тартмак болуп жашоого киришти. Саадат базарга чыгып алды. Кумарбек сабактан кийин жардам берет, кээде Элдар менен Тынар конокко келип турушат. Бир жолу Алтынай соода кылып, майда-барат алып жүрүп, Тынарды көрүп токтоп калды:

- Кандай, кызым?

- Жакшы, эже, өзүңүз кандайсыз, жакшы жүрөсүзбү?

- Баары жакшы, үйүңөргө барбай калдыңар го?

- Биз кайнатамдар менен чогуу турабыз, Элдар алардын жалгыз баласы эмеспи.

- Мейли, бактылуу болгула, качан барасыңар, менин силерге деген белектерим бар эле, тиги курбуңду да куттуктадым, алар менен киришип турам, - деди Алтынай жылмайып. - Макул, кызым, бактылуу болсоңор болду, - деп жөнөй бергенде Тынар маңдайында баягы адам турганын көрдү.

- Эмне керек, бар ары! - деп корккондой ачуулана колун жаңсаганда Алтынай кайра артка бурула тиги кишини карап, эси оой туруп калды. Ал дагы Алтынайды көрүп:

- Сен… сен Алтынайсыңбы? - деди жакындай берди. Кийими жупуну, сакал-муруту өскөн адамды Алтынай дароо эле тааныган, айтар сөзү оозуна келбей андан көз айрыбай карап туруп:

- Ээ кудай, сен Жоомарт эмессиңби? - дегенде Тынардын колунда кармап турган буюму жерге түшүп кетти.

- Ооба, менмин, сени издеп таппай жүрөм, сен кайда жүрөсүң? - деди эле Алтынай ага кулачын жая:

- Жо-омарт, барсыңбы деги, сени көрөөр күнүм бар экен ээ? - деп көз жашы жүзүнөн ылдый шорголоду.

- Бармын, жокмун сен үчүн, - деп ары-бери өтүп жаткан элди көзүнө илбей кучакташып калышты. Эл аларды таңгала карап өтүп жатты, кээси жолдон качкылачы, деп түртүп өтсө, кээси байкабай уруп өтүп жатты. Ага карабай саамга кучакташып туруп, анан бөлүнүштү.

- Тынар, ушул жерде болосуңбу, мен сага эртең келип өзүм жолугамын ээ, жакшы тур, - деп Алтынай жаш баладай кудуңдай Жоомартты колдон ала жетелеген бойдон элдин ичине сиңип жок болду. "Демек булар Элдардын ата-энеси, ошондуктан менин түшүмө аян берген тура. Байкуштар канча жыл бири-бирин таппай жүрүп, анан ушул бүгүн табышып калганын кара", - деп ойлонуп:

- Эже-эже, мен бул жерде отурбайм, буюм алганы эле келгем, - деп кыйкыра артынан жүгүрүп аларды таппай калды. - Ка-ап, Саадатка барып жолугуп, айтып койойунчу, - деп өзүнчө сүйлөнө азык-түлүк саткан катарга шашыла жөнөдү. Ал келсе Саадат жок экен, жанындагылардан сураса келбегенин айтышты. Анан ойлонуп турбай эле үйүнө жөнөдү. Саадаттын эжелери менен жеңеси келип, ошолорду коноктоп жаткан экен. Алар менен учурашып, Саадатты ашканага алып кирди.

- Саадат, мен шашылышмын, эгерде мүмкүнчүлүгүң болсо Алтынай эжеге менин базарда соода кылбай турганымды айтчы, ал мени ошондой ойлоп калды окшойт. Мени издеп, убара болбосун.

- Эмне болуп кетти анчалык?

- Мен баягыда базардан көргөн киши анын сүйгөн жигити экен.

- Кантип билдиң?

- Кызык, алар го ошондой экен, баарынан да менин түшүмө киргенине таңгалып жатам, эмеле менин көз алдымда табышып алышты.

- Койчу?

- Ооба, бири-бирин дароо эле тааныбадыбы?

- Кызык экен.

- Анда кеттим, кайненем кечиксем эмне деп ойлойт? - деп кайра шашылып чыгып кетти. Саадаттын эки эжеси күйөөгө чыга элек, экөө эки жерде жашап, ар кандай жумушта иштеп жүрүшкөн. Урматтын үйлөнгөнүнө аз эле болду, улуу эжеси Айзат, экинчиси Гүлзат. Алар өздөрүнөн мурун күйөөгө тийген сиңдисин бир аз тилдеп, тим болушту.

- Эми качанга чейин бирөөнүн үйүндө турасыңар, кайнатаңдын колунда бар экен, үй алып берип койбойбу? - деди Айзат.

- Эже, Кумарбек окуп жатпайбы, алар контрагын төлөгөнү да жетишээрлик, акырындап үй да болот, - деп Саадат күлө бакты.

- Окутса өз баласын окутуп жатат да, милдет кылабы, баласына үй алып бергенге милдеттүү, - деп Гүлзат бир жактан чыкты. Саадат жеңесинен уялды, "Кана, биздин ата-энебиз кимибизге жөлөк боло алды, же өздөрү жыргабай, же бизди эл катары кыла албай картайып баратышат", - деп айтмак болуп, бирок тиштенип өзүн зорго кармап отурду. Тынардын атасынын кызына сеп бергенин көрүп, ансыз да өзү басынып жүргөн болчу, эжелери менен агасы бир килем менен гүл алып барышкан. Ата-энесинин алдына жакында барганы жатышкандыктан эки эжесин жана жеңесин чакырып, кеңешмек болгон эле.

- Андан көрө атамдарга барып жардам бергиле, туугандарга кеңешип, жакшыраак тосуп алсын, жакында бармак болуп жатат, - деди Саадат акырын. - Элди көрүп уялат экенсиң, берээр эчтекеси жок, башкалар сыяктуу жок дегенде бир жатаар төшөк-жууркан ала барбай кадыгер адамча бир килем көтөрүп келдиңер, уялгандан өлбөгөн төрт шыйрагым калды.

- Бергенине жараша кылабыз да.

- Ошону айтсаң, эчтеке бере электе эле кошоматтанып сага үстөк бермек белек? - деп эки эжеси эки жактан жаалады.

- Азыр бергенине карабай эле өздөрү ала келет, андан кийин жасай берет ырым-жырымын, свадьба бергенде алып келишиңер керек болчу.

- Күйөөгө тийип алып, атамдарды кыйнаганың жетет, эми кайын журтуң барса буйруганын көрөбүз да, - деди Гүлзат бир аз жоошуй. Жеңеси Азиза үндөгөн жок, ал кайын журтунун ал-акыбалын көргөн, өзүнүн да ата-энеси колунда жок жарды болгонунан улам Саадаттын өктөө таарынычын туура кабыл алып, өзүнүн да ичтен сызган арманын сыртка чыгаралбай тим отура берди. Алар тамак ичип отурганда Кумарбек кирди, учурашып дасторкон четине отурду.

- Кумарбек, - деди Айзат, - үйлөнөбүз деп капысынан эле айтып, анан эчтекеси жоктой кылбай жеңетай тоюн берет, айтып кулдук уруп киши жиберет, куда андай салтты билбейби?

- Эже, билебиз дечи, эми баары болот, буйруса атамдар барабыз деп жатат, - деди Кумарбек күнөөлүүдөй жер карап.

- Жетим кызды тапкансып бу кылганыңар эмнеңер? Сурап алаары, кулак түргөн төркүн-төсү, ата-энеси бар, барсаңар баргандай баргыла, болбосо кереги жок! - деп Гүлзат айтканда Саадаттын ачуусу келип, көз жашы салаалады.

- Жетишет, мен силерди таппай шаарга келип кыйналып жүргөндө кайда элеңер, абама барып сиз менен жашайын десем ал болбой койду. Менин кандай абалда калганымды билесиңерби?

- Айылдан эмне келесиң анан, сени бирөө кубаладыбы?

- Ошону айтсаң, сенин биякта экениңди абам үйлөнгөндө гана билдик, же телефонуң жок, анан кайдан табышмак элек, - деп экөө эбирей баштаганда Саадат:

- Эми мен буларды силерге жибербейм, алдыга түшпөйт, мен жибербейм! - деди да, ашканага чыгып кетти.

- Саадат, ал эмнең, эжемдерди бүгүн коноктоп койолу, ал эми бараар-барбасыбызды атамдар чечет, - деп Кумарбек артынан келип сооротуп жатты. - Эмнеге аларга өпкөлөйсүң, айтат да, баары түшүнүктүү эмеспи. Мен баарын көтөрүүгө даярмын, кыскасы, сенин өткөнүңдү эч ким билбейт. Мен сени сүйүп алдым, оозуңдан ашыкча сөз чыкпасын, жүр эми эжемдер таарынып калбасын, - деди кучактап өөп.

- Кумарбек, ушулардыкы туурабы анан?

- Туурабы, туура эмеспи бир туугандарыңдын айтууга акысы бар, а мен угууга милдеттүүмүн, анткени күйөө баламын, - деп жылмая күлүп колтуктап алып, коноктор отурган бөлмөгө келе жатканда алдынан Айзат чыкты, ал тыңшап турган болчу.

- Биз кетишибиз керек, - деди ал уялгандай.

- Жо-жок, бүгүн мында конок болосуздар, - деп Кумарбек анын үйгө киргизди. Айзат ордуна отургандан кийин өзү сыртка чыгып, ичимдик менен эт-аш алып келди. Ал келгенче Саадат Тынардын аманатын аткарганы Алтынайдын эшигин какты.

- Аа-а, Саадат, сенсиңби, кир-кире гой, - деди Алтынай аны көрүп эле.

- Эже, мен ушул жерден эле кетем, Тынар сизге айтып кой деди эле, ал базарда эмес, таанышынын жанында турган экен…

- Аа-а, мен аны эртең ошол жерден табам деп ойлоп жатпадым беле, анда телефон номерин бересиңби?

- Макул, жазып алыңыз, - деди Саадат.

- Үйгө кире калчы, менин телефонум зарядкада эле, кирсең эми, нан-пан ооз тийип чык, - деп болбой ичке киргизди. Саадат кирип келатып, диванда отурган бейтааныш адамды көрдү. Аны Алтынай ваннага түшүрүп, сакал-мурутун алып, үстүнө жаңы спортивка кийгизип койгон. Саадат аны таңгала карап туруп калды. "Тобо-о, чын эле Элдардын атасы десе болчудай экен, бирок кантип дадилдешет? Ымыркайында таштаса, же бир белгиси болбосо", - деп турганда Алтынай чыныга чай сунду. - Ала гой, кызым, бир чыны чай ичип чык, куру кетпей.

- Рахмат, эже, - деген Саадат отуруп, чыныдагы чайдан ууртап жатып дагы эки көзү телевизор көрүп жаткан кишиде болду.

- Эми айта гой, - деди Алтынай. Саадат Тынардын телефон номурун айтып берди да, чыга жөнөдү. "Байкуштар десе, эне-бала болуп туруп бири-бирин билбеген кандай жаман, балким андай деле эместир, төрөгөнүн айткан эмес", - деп ойлуу үйүнө кирип, ашканада тамак жасай баштады. Айзат Саадат менен Кумарбектин сөзүнөн улам эч нерсеге түшүнбөсө да бир окуянын четин баамдагандай болду. "Сенин өткөнүңдү эч ким билбейт, мен баарын көтөрүүгө даярмын", - дегенин ойлоп, көп сүйлөбөй калды. Ошол убакта Кумарбектин телефону чырылдады.

- Кечиресиздер, - деп туруп барып сүйлөшүп, анан кайра келди. - Кечиресиздер, атам чакырып жатат, балким кеңешүүгө чакыргандыр, мен Саадаттын бош эмесин айттым. Шашпай отуруңуздар, бат эле келип калам, - деп Саадатка айтып үйдөн чыгып кетти. Ошол убакта Айзат ашканадагы Саадатка жетти.

- Сенин келгениңе жарым жыл зорго болду, башыңдан эмнелер өтүп кетти ыя, Кумарбек эмнеге баарына чыдайм деп жатат?

- Эже, мени капа кылбаңыз, сыйымды көргүлө да, өз жолуңарга түшкүлө, - деди Саадат жини келе.

- Биз бир тууганбыз, баарын билгим келет, менден эчтеке жашырба, - деди Айзат жумшаргандай. - Мисалы менин келгениме үч жыл болду, тапканда таап, болбосо эптеп иштеп эле жүрбөйүнбү, Гүлзатты болсо жаныма алып алгамын, сенин келгениңди билгенде эптеп кошуп алмакмын. Ата-энебиз итке минген жарды болсо дагы тапканы менен бизди баккан, аларга доомат кылууга акыбыз жок!

- Түшүнөм, үйгө отура бериңизчи.

- Жок, мен аныгын укмайынча чыдай албайм.

- Эмнени?! - Саадат көзүнүн жашын куюлта эжесине тике карады. - Аргасыздан жумуш таппай жолдо калаарда бир атамдай кишиге алданганымды уккуңуз келеби? Ата-энемдин колунда жогунан корунуп, эптеп картаң болсо да жашайын деп, үч ай аны менен жашаганымды угасызбы?!

- Эмне-е, ошонун баарын Кумарбек билеби?

- Ооба, мени анын колунан ошол гана куткарып алды. Ал мени сүйгөндүктөн ата-энесине да айтпай жашырып отурат, мен ошондуктан алдыга түшпөй эле койсун дегемин, болбой жатпайбы, - деп отура калып, буулугуп ыйлап кирди. Телефону чырылдаганда өзүн кармай кулагына алып барды. - Алло, Кумарбек, угуп жатам, макул-макул, кам санаба, - деп коюп, өз ишине киришти. Айзат башка сөз сураганга батынбай, конок бөлмөгө кирди. Тамагы бышканда алып келип, жеңеси менен эки эжесине арактан куюп отурду, күүгүм ченде алар болбой кетип калышты. Азизаны дагы күйөөсү тез кел деп чала бергенинен баары чогуу кетишти. Саадат алар кеткенден кийин да көпкө ыйлады. Кумарбектин ата-энеси алдыга түшүп, кудабызга барабыз деп камынып жаткан, Саадат азыр алардын шарты жогун айтып, токтотуп койду. Акыры аларды чакырып эле коноктомок болушту, таанышып куда-кудагыйынын кандай адамдар экенин көргүлөрү келип, кызыгып да жатышты. Ага Саадат үн дей алган жок. Ашым менен Бурулча эки инисин аялдары менен, сиңдисин ээрчитип алып, кудасыныкына келип түштү. Кийген кийимдери да эски, илгерки моданын кийими болгондуктан Зейнеп дароо эле алардын колунда жок экенин, бирок куулук-шумдугу жок момун адамдар экенин байкады. Ак көңүл Ашым сырын жашырган жок. Ошентип кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт дегендей кийитти жакшы кийгизип, алдына отуз миң сом коюшту. Ырыскелдинин бир туугандары көп эле, алар ичкиликти кыстап, кетээрде баары мас болуп кетти. Эртеси Бурулча менен Ашым Саадаттар жашаган үйгө келишти. Ашым кызына таарыныч кылып отурду:

- Кызым, бизди да, эки эжеңди да уят кылдың, эжесинен мурун сиңдиси тийет деген эмне?

- Болду эми, пешенесине жазганын көрөт да, жакшы эле жер экен, күйөө бала болсо өзүнө теңтуш экен, бактылуу болсун, - деп Бурулча күйөөсүн тыйды.

- Апа, мени кечиргиле…

- Эчтеке болбойт, кызым, жашыңда чыгып ырас кылдың, сени же окута албасак, же эчтеке алып бере албасак, өзүңдү-өзүң бакканыңа эмнеге каршы болмок элек, - дешип өткөн-кеткенди айтып, ошол күнү калып калышты. Кумарбек экөө коноктоп узатышты. Кетип жатып Ашым Саадатка:

- Биз сеп кылып келебиз, отуз миң деген азыр эчтекеге жарабайт, ошентсе да сени жер каратпагыдай кылабыз, - деп көтөрүлө сүйлөдү. Саадат унчуккан жок: "Колумдан келсе өзүм баарын алып берип ийет элем, эмне кылса дагы өздөрү билсин", - деп ойлоду. Ошонун эртеси эле алар кеткенден кийин Кумарбек Саадаттын туулган күнүнө Элдар менен Тынарды чакырып койду. Элдар аяшынын туулган күнүнө арнап, Тынар экөө кеңешип, гүл менен торт, анан көйнөк-көнчөк кылып, жетип келишти. Дасторкон четинде бакылдашып көңүлдүү отурушту. Түн ортосуна чейин ырдап-бийлешип, кой элдин тынчын албайлы дешип, бири-бирин тыя жатып калышты. Эртеси түш оой гана ойгонуп, тамак ичип отурганда эшик такылдап калды. Бул Алтынай эле, ал Элдарды бир көрсө, кайра-кайра көргүсү келип, анын үстүнө көптөн бери көрбөй калганга аябай сагынган. "Эмнеге мен ушул балага тартыла берем, балам болгон күндө да кантип айтам, эмнеси болсо дагы бир аныгын билип алсам кана", - деп ойлонуп кыжаалат болуп жүргөн. Жоомартты көчөдөн таап келип алгандан бери ого бетер ойлонуп калды. Азыр кошуналары түн бир убакка чейин шарактаганынан Элдар бар деген үмүт менен келген болчу. Саадат эшикти ачып:

- Келиңиз, эже, - деди.

- Кечирип кой, кызым, беймаал тынчыңарды алсам, Тынар барбы?

- Ооба-ооба, бар.

- Айтып койосуңбу?

- Үйгө эле кириңиз.

- Кирсе кирейин, - деп кирип, алар менен учураша өйдө өттү. - Кечирип койгула, балдар, тынчыңарды алып койдум окшойт.

- Эчтеке эмес, качан болсо сизге эшигибиз ачык, - деди Кумарбек күлө.

- Албетте, коңшу болгон соң киришип турган жакшы эмеспи.

- Мен силерди үйгө конокко чакырып келдим эле…

- Эже, сиз бизди уялтып койдуңуз. - Тынар жылмая карады.

- Кезек биздики эле да? - деди Элдар.

- Жо-ок, биз улуубуз, анын үстүнө мен силер менен бир туугандай болуп баратам, улуу болгонумдан биринчи кадам ташташым керек да, тамак даяр болуп калды, жүрө койгула, - деп чайга бата кылып, өйдө болду.

- Макул, эже, сиздин көңүлүңүздү калтырууга даабайбыз, биз абдан карыздар болуп калдык, - деп Элдар ага күлө караганда Алтынай жалдырай карап турган ордунда катты. "Сүйлөгөнүн кара, баары окшош, Жоомартты жок дегенде бир көрсө кандай ойдо калаар экен, же өзүнүн бакма экенин билбесе эч нерсе сезбейби? Ай кудай ай, көрбөсөм да тынч жүрө бермекмин, чын-төгүнүн кантип билем, Тынардан сурап көрсөм бекен, ал деле билбесечи?" - деп тунжурап тура берди.

- Сөзсүз барабыз, эже, - деп кайталаган Элдардын үнү чыкканда гана эсине келди.

- Чогуу баргыла ээ? - деп шашыла чыгып кетти. Жоомартты таап келгенден бери экөөнүн сөздөрү бүтпөйт, Жоомарт айылдан келип, Алтынайды издеп таппай калганда өзүн таштап ийгенин, жашоодон үмүт үзүп койгонун айтып түгөтө албайт. Жаңы үйлөнгөн жаштардай ысыгы да тарай элек экөөнүн.

- Кайда бардың? - деди ал Алтынай кирээри менен.

- Коңшуну үйгө чакырып, коноктоп койойун дедим, жаңы үйлөнгөн жаштар, анча-мынча таанышып калдык эле.

- Аа-а, - деп койду Жоомарт. Алтынай бул жолу аларга төркү жасалгалуу бөлмөсүнө дасторкон жайды. Ал бөлмөдө Жоомарт экөөнүн түшкөн сүрөттөрү илинип турат, жаш кездериндеги сүрөттөрдү бүт чоңойтуп, рамкага салып илип койгон. Жарым сааттай убакыт өткөндө колдоруна гүл көтөрүп, торт алып, төртөө кирип келишти. Адеп Жоомартты көргөн Элдар бирэсе таңгалып, бирэсе жаман абалда калды, төркү бөлмөгө киришкенде жанаша түшкөн сүрөттөгү жигитти көрүп, ого бетер эстен тана жаздады. "Бул аял ким, мени төрөп таштаган аял эмеспи өзү, эмнеге эле чакыра берет дейм да?" - деп ойлоп алып, - "Кантип эле, андай болсо жөн эле айтмак да, окшоштук болсо керек. Мына бул киши менин атам болууга тийиш эмес, жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес!", - деп отурган ордунан акыркы сөздөрүн кайталап тура калганын өзү да билген жок.

- Элдар, сага эмне болду? - Тынар кабатырлана сурады.

- Эчтеке, - деп күйөөсү кабак чытый кайра отурду. Жоомарт аларды алгыла-жегиле деп салмактуу сүйлөгөнү менен Элдарды жал-жал караганда көздөрү чагылыша кетип жатты. Элдар туруп кеткиси келсе да эптеп чыдап отурду. Бул ары табышмактуу, ары сырдуу жолугушуунун арты эмне менен бүтөөрүн эч кимиси билбеди. Тынар баарын толук түшүнгөндөй зымырайып унчукпай отурду. Ал баягы күнү көргөн адамдын кычырап төрдө отурганынан Алтынайдын ага болгон сүйүүсүнүн күчүн сезди. Аңгыча Алтынай булоологон палоону эки табакка үймөлөп салып келип, бирин коноктордун алдына, экинчисин өздөрүнө жакын койду да, шоңшогой бөтөлкөдөгү кызыл шарапты ачты.

- Мен абдан кубанычтамын, анткени силер бул үйгө келгени өзүмдөн-өзүм эле сүйүнүп калдым, экинчиси силерге айткан адамымды кайрадан таптым, - деп күлүмсүрөй Жоомартты карады. - Жоомарт экөөбүздүн ажыраганыбызга жыйырма үч жыл болгон, эми минтип кайрадан табышып отурабыз, бул да сүйүүнүн керемети десе болот, балдар. Бири-бириңерди ызааттап, сыйлап, ортоңорду бириктирген сүйүүңөрдү аздектегиле…

- Жыйырма үч жыл? - Элдар эрксиз суроо салганын сезбей калды.

- Ооба, жыйырма үч жыл, - деди Жоомарт Элдарга карай.

- Үйлөнүп ажырашкан белеңер? - деди Элдар кызыкканы же билгиси келгени белгисиз, ал тамакка да карабады. Тынар эмне болоор экен деп, өзүнчө кыжаалат боло эрин акырын түртүп:

- Эмнеге сурап жатасың, уят эмеспи? - деди шыбырай.

- Үйлөнөбүз деп турганда менин ата-энем каршы болуп койду, ошол бойдон мен Алтынайды кайра келип, таппай калдым.

- Мени ата-энем алып кетип калган, - деди Алтынай күнөөлүүдөй сурак берип жаткансып.

- Аа-а, - деп Элдар шаабайы сууй отуруп калды. Эгерде үйлөнгөнбүз, балалуу да болмокпуз дегенде эмне кылаарын өзү деле билген жок, болгону өзүнүн ата-энесин бир көрүүгө көптөн бери зар эле. Кээде: "Менин атам менен энем кандай немелер болду экен, таап калсам кандай мамиле кылат болду экен?" - деп көп ойлочу.

- Ошондой, балдар, бири-бирин сүйгөн адамды бөлгөн өтө жаман, анткени экөөбүздүн аталарыбыз бири-бирине абдан өч эле, башында дос болуптур, алар дагы бир кыздын айынан касташып калган экен, - деп Жоомарт тактагандай болду. Элдар менен Кумарбек бири-бирин карап калышты. Ортодогу тынчтыкты Алтынай бузду:

- Тамактан алгыла, балдар, биздин жомогубуз бүттү, эми силер бактылуу болгула, теңтуштар экенсиңер, ынтымагыңардан жазбагыла.

- Рахмат, эже, сизге, - деди Тынар.

- Туура айтасыз, эже, - деп койду Саадат дагы. Элдар алардын үйүнөн баары бир ойлуу чыкты. Жанаша түшкөн сүрөттөр, өзүнө куюп койгондой окшош Жоомарттын сүрөтү көз алдынан кетпей үйүнө кетип жатканда Тынар:

- Сен мынча неге ойлонуп калдың? - деп сурады.

- Мени таңгалдырганы тигил кишинин сүрөтү, жаш кези куду менин копиям экен.

- Азыр деле окшошуп турат.

- Кандай дейсиң, Тынар, менин ата-энем ушулар эмеспи? - Элдар машинасын четке токтото Тынарды карады. - Балким Алтынай эже дагы бир себептен мени жакындаткысы келип жатпасын?

- Кайдан билем, көргөндөн бери эле сени көрсө, талып калмай адаты бар.

- Биерде бир сыр бар, Тынар, чындыкты ачмайынча жаным тынбайт, мени жарык дүйнөгө алып келген энемди бир көрүшүм керек, таштап кетүүгө эмне мажбур кылганын өз оозунан уккум келет.

- Кантип, өзүң сурайсыңбы?

- Билбейм, эмне кылаарымды билбей калдым, үйүнө чакырып, ошол сүрөттөрдү мага көрсөткөнүндө бир себеп бар.

- Билбейм. - Тынар ийин куушара тим болду, Элдар көпкө чейин ойго батып отуруп, анан унаасын жылдырды. Ошол күнү Кадырбек менен Саамай да өздөрүнчө кеңешип, Элдарга чындыктын ачуу жүзүн ачып бермекке күтүп отурушту. Алар кеч келип, унаасын гаражга киргизип коюп, үйгө киришти. Элдардын кабагы салыңкы болчу. Унчукпай отура кетти, Тынар казан-аякка аралашты. Саамай Тынарды ээрчитип сыртка чыкты, ал кир жууп жаткан, ошону экөөлөп бүтө койолу демиш болду, бирок анысы үйдөгү сөздү келини укпасын дегени эле. Кадырбек:

- Эмне болду, уулум? - деди Элдарды карап.

- Эчтеке, кечээ көбүрөөк ичип коюптурбуз.

- Элдар, - деди Кадырбек тамагын кыра, үнү каргылданып бир чындыкты айтуу менен бирге кымбат адамынан ажырап калчудай өзүнөн-өзү эңшерилип турду. Айтпай коюуга болбоду, анткени Саамай экөө Элдар чоңойгон сайын түбү өз энесин таап кетсе, адамгерчиликтен тышкары баланын алдында күнөөлүү болуп калчудай сезип, кыйнала беришчү. - Сен биздин өз балабыз эмес экениңди өзүң деле билесиң, уулум. Биз сени өз кан-жаныбыздан жаралган балабыздан да артык көрүп, асырадык… Бирок кимдин баласымын деген көкүрөгүңдө бир өкүнүч өмүр бою жашап, кыйналышың мүмкүн.

- Ата, эмне деп жатасың, мен башканы ойлобойм дагы, - деди Элдар кызаңдай, дилинде: "Ким экенин билет го?" - деген ой турса да билгизгиси келбеди.

- Сени таштаган кезде бир далилдөөчү кагаз бар болчу.

- Эмне дейсиз? - деп элейе карап калды Элдар.

- Ал мына булар, - деп атайын алып койгон түйүнчөктү алып ачты да, саргайган бир барак кагазды сунду. - Бул сени төрөгөн кыздын каты. Элдар аны албай бир саамга апкаарый карап туруп калды. "Апаң Алтынай десечи, чын эле ошол болсочу, анда эмне кылам, апамсың деп барамбы же биротоло андан кача баштаймбы?" - деп нес болуп турганда: - Ал, окуп көр! - деген атасынын үнү селт эттирди.

- Эмне дейсиң, ата?

- Оку муну! - дегенде гана катка колун сунду, колдору калтырап турганын көрүп, Кадырбек сыртка чыгып кетти. Элдар кагаздын бүктөмүн ачканча миң түркүн ойду ойлонуп жиберди, "Муну эмнеге мага берип жатат, чоңойтуп үйлөнттүм, эми кайда барса да өзү чечсин дегениби", - деген ой да башына келип кетти. Майда, тизилген сулуу кол жазма мындай деп башталган экен: "Саламатсыздарбы, бейтааныш адамдар, сиздерге тагдырдын таш боор капшабына кабылган алсыз кыз, алгачкы эне тун наристесин тапшырат. Мен деле өз махабатымдан жаралган наристемди, атасы таштап кетпегенде, кубаныч менен багып алат элем, жашым он сегизде. Ата-энемден коркуп, элдин ушагынан корунуп, чүрпөмдү аргасыз бейтааныш адамдарга тапшырууга туура келди. Кудайдан, сиздерден кечирим сурайм, кайрымдуу пенделер, уулумду багып алгыла суранам. Түбөлүккө жүрөгүмдө айыкпас жара калды, өлгөнчө айыкпаган кесел пайда болду, ал менин тагдырым берген азап… Баламды сиздерге, сиздерди кудайга тапшырдым, мендей эселек кыздын жаңылыштыгынан, элебестигинен пайда болгон наристемди аргасыз калтырып отурам… Качандыр бир кезде мүмкүнчүлүк болуп калса, апаңдын аты Алтынай деп коюдан тарлык кылбассыздар?! Жок дегенде бактысыз энесинин атын биле жүрсүн. Аман болуңуздар! 1983-жыл" - дегенди окуганда колдору калтырай: "Демек, ошолор экен да, эри өзүнөн бала бар экенин дагы билбесе керек", - деди ички ою күңгүрөй. "Жок-жок, мен баккан ата-энем менен гана калам, башканын кереги жок", - деп муштумун түйө ордунан тура калды.

- Элдар, эмне болду сага? - деп Тынар кирип келе жатып, анын кебетесин көргөндө чочуп кетти. - Элдар, жайчылыкпы деги?

- Сураба менден эчтеке! - деп коюп, Элдар жулунган бойдон сыртка жөнөдү, Тынар артынан чыкты. Элдар машинасына отуруп, эми айдап кетээрде Кадырбек жанына басып келди.

- Уулум, жакшыны да, жаманды да акыл менен жеңиш керек, сени биз ошентип тарбиялаганбыз. Ачуу душман, акыл дос дегендей ушул абалыңда рулга отурба…

- Эмнеге-эмнеге мен башка бирөөнү ата, апа дешим керек, эмнеге мен таштандымын? - деди Элдар ызалуу калч-кал эте. - Андан көрө неге өлтүрүп таштаган эмес?

- Токтоо бол, уулум, ата-энеңди тапсаң-таппасаң дагы айтып коюу биздин милдет болчу. Жаш эне суранган экен, айтпай койо албадык. Сен биздин бул дүйнөлүк гана балабызсың, кубаныч-кайгыбыз өлгөнчө сени менен бирге, бирок тиги дүйнөдө биздик боло албайсың. Ошондуктан айтууга туура келди, ала кушту атынан айт дегенди өзүң уккансың.

- Мени кечир, ата, жалгыз болгум келет, - деп Элдар унааны айдап, короодон чыгып кетти. Кадырбек оор күрсүнө эшигинин алдында аркы-терки басып жүргөндө Саамай жанына келди.

- Энеси издөө салып, ансыз дагы иликтеп жүргөн тура, Элдарга оор тийди, эсине келээр, өзүн токтотоор, анан акыры көнөөр. Өз балабыз болбосо да ымыркайында бактык эле же биз жаңылыш кетирдикпи, азырынча койо турсак болот беле?..

- Качан, өлүм алдында жатканда айтыш керекпи, байбиче? Туура эле иш кылдык, тиги дүнүйөлүк эмес бул дүнүйөлүк балабыз эмеспи, баарын өз учурунда угуп, жарык дүйнөгө алып келген энесин таап, энелик мээримин көрүп, аз да болсо жанында болоор, - деди Кадырбек.

- Балким билгизбей койсок болоор беле дейм да?

- Ансыз дагы баккан ата-энеси экенибиз ага маалым, чын-калпын билбей бизден тартынып жүрүп өткөндөн көрө ага да, бизге да бала болуп жүрө берсин. Биз үч милдетин тең аткардык: атты коюу - бир, сүннөт - эки, үйлөнтүү - үч, эми эси болсо бизден кетпейт, - деп каңырыгы түтөп турса дагы өзүн кармап, токтоо аялын далыга таптай үйгө киришти. Тынар Элдардын артынан келе жатып, кайнатасын көрө токтоп калган, алардын сөзүн бүт уккан, бирок эч нерсе билбегендей жумушун жасап, кечки тамактын камын көрүп жүрө берди. Эси-дарты Элдарда, "Кай жакка кетип калды экен, аман болсо болду, ызасын таркатууга кеткендир" - деп ойлоп жатты. Ал түнү Элдар келбеди, ээн талаага барып өкүрүп-бакырып ыйлап отуруп, арак ичти, мас болуп калганда унаасына жатып уктаганын билбей да калды. Ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр, башы зыңгырап ооруп, жарылганы турду. Ашканага барып тамактанып отуруп, көпкө ойлонду, анан күркөдөн конверт алып, машинесине келди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Орто-Сайга жөнөдү, экинчи кабатка шашылыш чыкты да, тааныш эшикке конвертти кыстарып, коңгуроосун басты. Өзү ылдый түшүп чыгып кетти, коңгуроонун чырылдаганын угуп, Жоомарт сырткы эшикти ачты. Эч кимди көрө албай эки жагын карана, конвертти алып үйгө кирди:

- Алтынай, сага кат келиптир, аты-жөнү жок.

- Эмне болгон кат?

- Окусам болобу?

- Ача бер.

- Өкүнүп жүрбө?

- Койсоңчу, Жоке, сен деп зындандын түбүндө жаткандай болуп жүрүп, эми гана күн көрдүм го, мезгилсиз жулунган гүлдөй соолудум го, чиркин, жыйырма үч жыл бою, - деп жете келген Алтынай ага эркелей карап, ийнине колун койду. - Кана, ачып көрчү, сиңдилерим чакыруу кат жөнөткөндүр, - дегенде Жоомарт аны бир карап коюп, катты ачты. Ичиндеги саргайган катты алып, бири-бирин карашып туруп калышты. Дагы бир кагаз бар экен, анда: "Эмнеге, эмнеге таштадың эле??? Мени андан көрө өлтүрүп салбайт белең! Эми эч качан өз балаңдын жүзүн көрбөйсүң! - деп жазылыптыр. Этек жагына "2006-жыл", - деп туруп, кол коюп коюптур.

- Бул эмне, таштап кетти дегени кандай? - Жоомарт Алтынайды суроолуу карады. - Сен өлүп калды дебедиң беле?

- Жоомарт, сен мени түшүнчү, - деп Алтынай ыйлап ийди.

- Сен калп айтканды кайдан үйрөндүң, канча жылдан бери сени менен бирге өмүр сүрөм, өзүмдөн төрөлгөн уул же кызды көрөм деп үмүт этип келбедим беле, аттиң ай! - деди Жоомарт күңгүрөнө. Анан экөөлөп сары катты ачып окуп киришти.

- Бул менин атымдан жазылган кат экен, Айнагүл жазган тура, мен андан кимдин эшигине таштаганын билишим керек, - деп Алтынай шашыла телефонду терип кирди. Ал ачуусун баса Айнагүлгө келип кал деп гана койду. Бир сааттай өткөндө Айнагүл келди.

- Айнагүл, бул сенин жазганыңбы? - деп катты колуна карматты Алтынай. - Балаңды таштабасаң жашашың кыйын деген сен эмес белең, Айнагүл, бул эмне? - деди көз жашын төгө. Айнагүл катты окуп, шалдайып отуруп калды.

- Кечир, Алтынай, ал кез башка болчу билесиң, жамандык каалаган эмесмин, ким берди буларды? - Айнагүл Алтынайды карады.

- Таштап кетиптир.

- Ким экенин билесиңби?

- Кайдан, кайдан билем, Айнагүл, өмүр бою азапта жашап келгеним аз беле, уулумдун жүзүн көрбөй өтүү кандай арман?! - деп буркурап ыйлай берди. Жоомарт кабагын карыш түйүп, үндөбөй отурду. Үчөө үч жерде өз ойлору менен алек, бул чиеленишкен азаптуу окуя качан, кантип бүтөөрү бүдөмүк. Алтынай катты таштаган Элдар экенин билип эле турду, канткенде аны өзүнө тартаарын билбей жандалбастап жатты. Жан дүйнөсү сыздап турду.

- Менин кесиримден баланы экөөңөр жок кылган экенсиңер да? - деди Жоомарт көптөн кийин.

- Баарын билип туруп, кылгылыкты кылып коюп, өлүүң же тирүүң билинбей кетип калсаң, анан эс-акылы токтоло эле жаш кыздар эмне кыла алат эле? Айланаңды карасаң баары эле сени карап, сени сындап тургандай болсо, Алтынай менен бирге мен дагы кыйналдым, жок дегенде окуубузду бүтүп алсак эмне, эптеп иштеп жан багат элек, - деди Айнагүл Жоомартка ачуусу келе. - Жыйырма үч жыл бою Алтынай менен бирге дагы эле кыйналып, кыжаалат болуп келем. Кайдан билдик мындай болоорун, эми мен ошол үйгө барып көрөйүн, табамбы же таппаймбы билбейм.

- Айнагүл, ал баланы мен билем, ошол эле болуш керек, сен убара болбо, - деп Алтынай Тынарга телефон чалды.

- Алло, - деди Тынар, - угуп жатам.

- Тынар садага, бул мен эле Алтынай эжең, сени менен жолугушум керек, кайдан кезиксек?

- Эже, мен бошой албайм го?

- Эмнеге?

- Элдар ооруканага түшүп калды.

- Эмне? Кандайча?

- Авария болуп...

- Жакшы элеби?

- Билбейм. - Тынар ыйлап жатты.

- Кайсы ооруканада?

- Төртүнчү шаардык ооруканада.

- Канчанчы палата? - деген Алтынай телефонун койо салып, кийине баштады. Анын кыймылын, түрүн көргөн Жоомарт дагы кийинип, арыдан-бери даяр болду. Эч кимиси эчтеке сурашкан жок, унчукпай чыгып, такси менен жөнөп калышты. Алтынай үнсүз жашын төгүп, кудайга жалынып баратты. Жетип, эшик тоскон аялга Элдардын аты-жөнүн айтып, кирүүгө уруксат сурашса, ал киргизбей койду. Алтынай Тынарга кайра чалды. Ал ичтен чыгып келип, эмне кылаарын билбей туруп калды, анткени Алтынайлар турган жерде кайната-кайненеси да турган эле. Анан сыр билгизбей учурашып:

- Апа, бул эже менин коңшум, - деди кайненесин карай.

- Жакшы, - деген Саамай Алтынайга баш ийкемиш болуп, жанындагы Жоомартты карап койду. Аны Элдарга окшотуп, "Демек бизден мурун эле табышып алышкан экен да", - деген ой башын зың эттире чекесин таяна отургучка отуруп калды. Кадырбек аны акырын нукуп койду. Жымжырттыкты бузган Тынар:

- Азыр эч нерсе билбей жатат, бара берсеңиздер болот, - деди Алтынайга.

- Жок, бир көрүп анан кетейин, эмне болуптур айтчы, кызым?

- Жолдон чыгып кетиптир…

- Деги жакшы элеби?

- Жакшы, башы тийиптир, чекеси жарылып кеткен экен, жакшы болуп кетет деп жатат врачтар, жарааты жеңил эле экен.

- Күтөм, күтүп көрүп кетем, - деп Алтынай туруп алды. Ошол убакта Кадырбек менен Саамай Тынар менен сүйлөштү да, кетип калышты. Алтынай эчтеке дей албады билип туруп, кайрылып сөз айта албады. Жолдо Саамай ыйлап келди.

- Жок дегенде бир уулум болсо эмне, акыры өз энесин тааптыр да, айла канча, ушундай болоорун билгем…

- Кейибе, байбиче, болоор иш болду.

- Мындай болоорун билгенде бакпай койбойт белек? - деп Саамай улутунуп ийгенде Кадырбек ага олурая карады.

- Анчалык нааразы болбо, байбиче, Элдар аман-эсен сакайып кетсин, пенделик кылба, жылмаңдаган сулуучумак аял тура, атасын көрдүңбү? Элдарга союп каптагандай окшош экен, тагдырдын буйругу менен биз Элдарды өстүрдүк, каалаганын бердик, айтканын орундаттык, айтор армансыз чоңойттук…

- Кырктын айланасында болсо керек, элестет ошондо он сегизде болсо…

- Жаш эле экен.

- Эми эмне кылабыз?

- Энеси менен сүйлөшсүн, ачуу чындыкты көтөрө албай бала өлмөк болгон тура, бечара. Баары артта алды, биз кечке маал баралы, эми өзү чечсин, тоскоол болгонубуз болбойт, - дешип үйүнө келип отуруп калышты. Резван атасынан:

- Ата, Элдар байкем жакшы бекен? - деп сурады. Ал он беште эле, мектепте окуйт, өтө эрке, бирок Элдарды аябай жакшы көрөт.

- Жакшы, кызым.

- Мен качан барып көрөм?

- Кечке маал чогуу барабыз.

- Чын элеби, мен дагы барам ээ? - деп атасынын мойнуна асыла берип, эки бетинен өөп, кайра өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Алтынай өзүн жаман сезип, көңүлү айнып, кускусу келе сыртка чыкты. Ажаткана жакка барып, кусуп, кайра келди. "Кудай сакта, боюмда барбы, кантип эле? Кырктан өткөндө дагы аял төрөйбү?" - деп купуя ойлонуп, ооруп калсам керек деп койду өзүнчө. Элдар эсине келгенде кире бергиле дешкенинен Алтынай палатага кирип, баласынын жанына отурду. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй жулкунат. Жоомарт менен Айнагүл четте турушкан.

- Элдар, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди Алтынай акырын, бирок ал үндөбөй көзүн жумуп алды. - Элдар, садага болоюн десе, мени кечир, кааласаң карабай басып кет, деги аман бол, мендей акылсыз энеңди кечир. Билем, катты окуп, ушул апаатка учурапсың, бирок катты жазган мен эмес, сени таштайын деген оюм жок болчу, бирок... аттиң... - Алтынай жашка мууна отуруп калды.

- Элдар, мени кечир, айланайын, - деди Айнагүл. - Ал учурда апаң экөөбүз тең ак-караны ажырата билбеген маңыроо жаш кыз элек, окууну улантуу керек болчу. Жаш кыздын күйөөгө тийбей төрөп койгону өтө уят эле, элдин сөзүнөн, ата-эненин каарынан корктук, акыл айтаар эч ким болбоду. Катты жазып, Алтынай төрөөрү менен эле мен алып баргамын, күнөө менде.

Элдардан үн да чыкпады, көзүн чылк жумуп алган, көзүнүн жашы кулактан ылдый сарыгып агып, жаздыкка сиңип жатты. Ошол маалда Кадырбектер кирип келди, бири-бирин тиктешип туруп калганда Элдар көзүн ачпай туруп:

- Мен сени жек көрөм, апа, баары бир жек көрө берем! - деп терс бурулуп кетти. Эч кимиси үндөгөн жок…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз