Айгүл ШАРШЕН


"Кек кууган бала"


- Туугандар, эл-журт, Суусар эжем абдан жакшы киши эле, менин жакын эжем, кийинчерээк ар кандай себептерден улам катташпай кеттик эле… - деп Суусаркан өлгөндөн бери ары-бери жүгүрүп кызматын, төркүндүк милдетин аткарып аткан Кайсарбай элге карап сөз баштаганда элдин ичи күбүр, шыбыр боло түштү.

- Ооба, ооба айланайын, экөөңөр бир атанын балдарынан тарагансыңар, билбей анан, - деди жакын коңшусу Зыяда кемпир, - Байкуш Суусар сонун аял эле, кийин-кийин эле сага таарынып катташпай калдыңар эле…

- Оо кокуй, дүнүйө мүлкү бар адам өлгөндө эч кимиси болбосо тууган чыгып калат, кокус Суусардын мал-жаны, үй-жайы, дүнүйөсү болбосо өкүрүп коюп кетип калмак! - бир аял эл ичинен үн салды.

- Койгулачы ушундай кесир ооз кебиңерди, эгер Кайсарбай болбосо тиги көчөттөй кызды силер карайсыңарбы?

- Деги чындыгын айттым да, - деген аял оңтойсуздана отуруп калды.

- Мен эжемдин мал мүлкүнө кызыккан жокмун, ушу кыздын кийинки тагдырын ойлоп жатам, - Кайсарбай да өзүн ыңгайсыз сезе элге карады, - Роза азыр жаш, жалгыз тамга таштап койсок болбойт ко?


- Жалгыз кантип болмок эле, азыр ал ойноо бала да, байкуш Суусар ушу кызды кандай гана кылып бакпады, - ал Розаны карап ээгин эмшиңдете кейип, көз кычыгын жоолугунун учу менен аарчып койду.

- Кана, кандай дейсиңер улуу-кичүү, мен Розаны өзүм алып кетейин, там-ташына көз болуп тургула, кыркы, ашы өткөндөн кийин үйдү бир жаңсыл кылалы…

- Капырай, үйүн карап турбай анан, кызды алып кетпесең болбой калбайбы, минтип күтүүсүз өлөөрүн билсе өзү дайындабайт беле? - деп улуулата сүйлөп Розаны ошол эле күнү Кайсарбай райондук үйүнө алып кетмек болду. Роза "кетпейм, апамдын оордун жоктотпойм!" деп ыйлады эле улуу-кичүү ага акыл-насаат айтып көндүрүштү. Он төрт жаш… Эч нерседен кеми жок энесине эркелеп ойноп-күлүп бактылуу жашап жаткан жашоосуна бүлгүн түшкөн тестиер кыз аргасыз кетмей болду. Анан төркү үйдөгү чоң сандыкты ачып, анда катылып жүрчү апасынын сүрөтүн өзүнүн кийимдерине ороп алып кетмек болуп аңтарып, жаңы эле арнап алып берген жаңы кийимдерин алып жатып түйүнчөктү көрүп "мында эмне бар болду бекен" деп ойлоп аны ачты эле качантан берки катылып жүргөн жаш баланын кийимдери, сүрөттөргө кошулуп саргайган кагаз түшүп кетти. Аны ала коюп төрт бүктөм кагазды ачты да окуп кирди: "Курбум Суусаркан, жакшысыңбы, менин ушул таштандымды көрүп: "эми керек болуп калган экенмин" дээрсиң, аның да туура. Бирок экөөбүз ынак курбу эмес белек, мен сенин Камбарды сүйөөрүңдү билчүмүн, анан кантмекмин, мен да сүйүп калдым. Ошондо сенин адамдык сапатыңдын жогорулугун, теңтуштукту сыйлай билгендигиңди түшүнбөгөн экенмин. Көрсө сүйүүдөн көзүм тумандап эч нерсени тоотпогон кезим тура. Жаштыктын делөөрүткөн көпкүлөң чагы экен. Ооба курбум, сени таштап экөөбүз бири-бирибизсиз тура албай калган кездерде мен ага өзүмдү арнап койгом. Экөөбүз үйлөнөбүз деп турган учурда ал айылдагы ата-энесине айтып келем деп кетип кечикти. Мен кийим-кечемди даярдап, апама дагы айтып камынып алгам. Апам байкуш жалгыз кызым деп мени менен сырдашып калчу. Ачык эле айткам. Мен ошондо Камбардын алдап жүргөнүн түк ойлобоптурмун. Сүйүнүп, жүрөгүм элеп-желеп боло үч күн күтүп, үчүнчү күнү анын досу келди, ал жок. Көрөөрүм менен эле: "Камбар кана?" десем ал: "Зымырат, аны ата-энеси болбой үйлөнтүп койду; "биз билбеген кызды бүлө кылбайбыз, биз тапкан кызды аласың болбосо бизден кечип биротоло кет" дешип кыстаганда ал аргасыз макул болду" дебеспи.

Уккан кулагым чуулдап, көзүм караңгылап эмне дээримди билбей үнсүз артыма бурулдум да үйгө кирип кеттим: "ичимдегини эмне кылам" дегенде жүрөгүм үзүлүп кетчүдөй өңгөчүмдү тарта солкулдап ыйлап жаттым… Ошентип кудайымдай ишенген Камбарым үйлөнүп алганда бу кызалак үч айлык ичимде болчу. Алдырганга кеч болуп калыптыр. Апам мени менен кошо ыйлап, кейип жүрүп оорукчан жүрөгү кармап жакында көз жумуп кете берди. Жалгыз калдым. Каралашаарым болбосо баланы кантип багам деген ойдо өзүмдү да жок кылайын деп ойлодум, бирок жазыксыз наристени төрөп бирөөгө таштамак болуп чечимге келдим. Курбум, бул сырды сен гана жашыра аласың, көтөрөсүң, түшүнөсүң, анткени сенин жүрөгүң мээримдүү, пейлиң кенен, көлдөй тереңсиң. Ошондуктан ушул жаңыдан жарыкка келген наристемди сага таштап отурам. Бир кездеги каталыгым үчүн сенден кечирим сурайм, алың жетсе кечир! деп:

бул турмушта бактысыз, жашоодо жалгыз калган арсыз курбуң Зымырат, 1972-жыл. 10. 05".

Катты окуп отурган Роза көздөрүнүн жашы этегине чөлкүлдөп, бетин жууп атканын сезбей отура берет беле, сырттан аны чакырган үндөр чыгып бирөөлөр кирип келе жатканы угулду. Сандыктын ичине калган буюмдарды салыштырып коюп кийимине ороп апасынын, анан Суусаркан менен түшкөн кыз-жигиттин сүрөтүн алып алды: "кетпейм, эч жакка кетпейм!" деген чечимге келди ал.

- Роза, бол кызым, кечиктик. Мал-жанды дагы дайындап койдум, кам санаба! - Алдынан чыккан Кайсарбай кызды көкүлүнөн сылап сыртка алып жөнөдү.

- Менин кетким келбей жатат, - Роза кыйыла туруп алды, - Мен үйдө эле болом!

- Атаны кокуй ай-йээ, эми эмне кылдык ыя, бул кыз көнбөйт го?

- Көнбөгөндө кайда бармак эле?

Кемпир-кесек, коңшу-колоңдору Розаны ары айтса да бери айтса да ыйлап болбоду. Акыры: "жана эле макул болбоду беле, муну бирөө-жарым бузган жокпу?" деген ойго келген Кайсарбай:

- Өзүң жалгыз аңгыраган үйдө коркосуң, сен али жашсың да, - деди.

- Эмнеге корком, өзүмдүн үйүм аке, ушул үйдө чоңойсом кантип коркмок элем, окуум да биякта, тааныбаган жерге барып окуудан да артта калам.

- Ии ырас эле Роза абдан жакшы окуйт, биерде биз каралашып, көз салып турабыз, мал-салын тиги селсебетке айтып совхоздун малына коштуруп бир эки жыл карашып беребиз, сен эми карындашыңа таарынбай бара бер, балким кыркынан кийин деле бара-ар, эми чырагын өчүрбөй турса тура турсун! - Зияда кемпир кыз ордуна жооп берип койду.

- Макул эне, баш-көз болуп койгула эми, бала неме жалгыз жатып бир нерседен коркуп калбасын, - деген Кайсарбай жөнөй берди.

Кайсарбай чынында эле Суусаркандын бир атадан төрөгөн сөөк өттү туугандарынан. Жакшы эле катышып жүрүшкөн, ушул кызды багып алганда иниси каршы чыгып: "баланы коюп жаныңды эле бакпайсыңбы, менин үйүмө көчүп келип, жылуу-жумшак отуруп, мал карайм деп убара болбой өзүңдүн ден-соолугуңа кара", - дегенде Суусаркан жини келе: "сен менин малыма, дүнүйөмө эле кызыгып атасың, болбосо минтмек эмессиң, өзүмө эрмек болот, туубасам да ушуну берген кудайга мен ыраазымын" деп үйүнөн чыгып кеткен. Кайсарбай аны узата карап кала берген. Андан кийин эки жолу келди, бирок Суусаркан жакшы кабыл албай: "эрте эле төркүндөн жардымын, өлсөм өкмөт деле көмүп койот, ушул наристени аман-эсен чоңойтуп алсам караан бутак болбойбу?" деп телмире тиктеп отуруп чай берген. Анын жактырбаганын сезген ал бир аз отуруп өзүн ыңгайсыз сезип кете берген. Негизи Кайсарбай чындап эле анын мал-жанына, дүнүйөсүнө кызыгып далбастап жаткан: "жакын тууганы болбосо менден башка ким ээ болмок эле, ошончо малын көрүнө алып кетмекпи?" деп Розаны багып алганда жини келген. Эми эселек кызга ээ кылбай мал-жанын кырк ашын бергенден кийин алып кетсем дегенде эки көзү төрт. Ою ордуна чыгаарына али да болсо убакыт бар, ал көңүлү ток үйүнө кетти.

Суусаркан демекчи, мугалимдик окуу жайды бүтүп келип иштеп калган. Жигити Камбар Зымырат менен жүрүп кеткенден кийин эркек аттуу менен сүйлөшкүсү келбей иштеп жүрө берди. Ата-энеси кары кишилер, аны күйөөгө тийип орун очок алса дегенде эки көздөрү төрт болуп жүрүшүп өтүп кетишти. Өзү менен бир тууган агасы камакка түшүп ошол жактан өлгөн. Бир үйдө жалгыз калды. Ата-энесинин үй-мүлкү, мал-жанын багып жүрчү койчу Суусарга да жардам берди кийин.

Совхоздун коюна кошуп коюп төлдөтүп күзүндө айдап келип берчү. Бир эки айдан кийин кайра кышында койлоруна кошуп алат. Кой-эчки болуп жыйырмадай бар эле ошондо, эки уй, бир жылкы, бир ат (миңги). Ошол кой баккан койчуга жайы-кышы жайлоого көчөөрдө, жайлоодон келгенде бирден козу, үндүк же каз союп, барып өрүлүктөп узатып, тосуп алып турчу. Суусаркан күйөөгө чыкпады. Камбарды катуу сүйгөн эле…

Анан эле бир күнү катуу уктап атып сырттан баланын үнү угулуп уйкусурай: "түн жарымда бала көтөрүп жолдо жүргөндөр ким?" деген ойдо ары оодарылып жатайын десе баланын үнү так эле босогосунан чыгып аткансыйт. Ыргып тура калып сыртка чыгып караса босогодо оролгон ымыркай жаткан экен, жүгүрүп эки жакты караса эч ким жок экен, кайра келип баланы алып үйгө кирди. Ошол кезде аны алыстан карап турган Зымырат көз жашын шыпырып алды да келген таксиге отуруп: "кеттик" деп койду: "Кечир мени, Суусар, сенден тартып албасам болмок экен, ошондо Камбардын кандай экенин өзүң түшүнүп мени жек көрбөй калмаксың?" деп ойлоп көзүнүн жашын токтото албай кете берди…

Суусаркан үйгө көтөрүп кирип ороону ачса кыз экен, бир-эки сыйра кийимдерин кошо салып ороп коюптур. Кабатталган ороону ачкыча: "кыз болду бекен же эркекпи?" деп ойлонуп ийди. Кыз экен. Анын колдору тийгенде наристе ыйлаганын токтотуп өз энеси көтөрүп жаткандай колу-бутун тарбаңдатып, оозун чормоңдотуп эмчек издей баштады. Кийимдерин ары коюп жалаягын котормок болгондо жалаяктардын ичинен төрт бүктөлгөн кагаз түшүп кетти. Кагазды окуганга кызыга баланын жылаңач экенин унута ачып ийип өзүнө тааныш кол жазманы көрүп жүрөгү болк этип алды. Шашып көз жиберип окуп атып көзүнүн жашы төгүлө берди. Көптөн кийин гана: "Оо кудай, бул эмне деген азабың эле, бул ымыркайды эмнеге менин эшигиме таштадың, муну кантип багам, куураган Зымырат ай, шоруң кайнаган тура, наристеңден тирүүлөй айрылуу сага деле кыйын болгон экен, экөөбүздүн тагдырыбыз бир адамга байланып, жашоодо да окшошуп жалгыз калган турбайбы, байкушум ай!!!" деп боздоп үн чыгара ыйлап да сүйлөп да, наристени ороп-чулгап да жатты…

Суусаркан Зымыраттан беш жаштай улуу болчу. Жылына окууга тапшырып атып өтүп кетип, онду жаңы бүтүп келген Зымырат экөө бөлмөлөш жашап улуулугу билинбей ынак курбу болуп келишкен эле. Азыр ошондогу күндөрүн эстеп алып ый аралаш жылмайып койду: "Байкушум, асылкеч кыз эмес беле, мен Камбарды чын жүрөгүмдөн сүйсөм да сени аяп, сенин жаркылдаган асылкечтигиңди сыйлап үндөбөй калбадым беле, башка болсо өмүрүм өткөнчө кек сактап өтмөкмүн" деген ойдо наристени төрдөгү өзүнүн диванына жаткырганда бала чукуранып алды:

- Ай-ай кичинекейим, шашпа, сага сүт берем, - деп шаша оозгу бөлмөдөн сүт ысытып келип кашык менен оозуна тамызып атса наристе аны жалмалап жатып эмчектей оозуна кирбегенге кыжыңдай кызарып-татарып бакыра баштады. Эптеп сооротуп кайрадан кашыкты оозуна алып барып ичирип, аракети текке кетпеди окшойт, көптөн кийин наристе мемирей уйкуга кетти: "Эртең упчу алып келейин, жакшылап кийинтейин" деп улам эч нерседен капарсыз оозун бүлкүлдөтө соруп коюп, бейкапар уктап жаткан наристени элжирей карап: "мейли, өз жүрөгүмдүн каалоосуна жетпесем да ошондон жаралган наристени жыттап жүрөйүн, Зымырат байкуш аргасыз ушуга барган экен, өзү эле келип түшүндүрсө деле болмок, корктубу же уялдыбы?" деп терең дем ала улутунуп алды да жалгыздыкты жерий баштаган кыз жаңы коногунун жанына кыңкая кетти. Бул кезде Суусаркан жыйырма сегизде эле болчу.

Ошентип Розаны багуу үчүн ал эртеси директордун атына арыз жазып бир жылдык отпуска алды. Анда мындай таштап кетүү да санда гана болчу, айыл боюнча кеп кылып уу-дуу болчу. Суусаркан аны таштанды атыкпасын деген ойдо: "мен бир сиңдилериме бала таап бергиле деп айтып жүрчү элем, өзүнүн бир жаштан удаа төрөлгөн үч баласы бар, ушул кызын мага алып келип түндө берип кетти" деп койду. Болбосо "таштанды" дешип аны жийиркене карашмак. Бала багуу түйшүгүн тартып Розаны бат эле чоңойткондой сезип кетчү кезинде. Бирок канчалаган түндөрү уйкудан туруп сүт берип, жалаягын которуп, ооруп калса чыйпылыктап доктурга жүгүрүп, койчу дегеле тежемел бала багуунун түйшүгү оңой эмес да. Роза үчкө чыгып артынан ээрчий баткактап калганда да иштей албады. Баланы караар киши жок деген шылтоо менен биротоло жумуштан чыгып алды. Бар үмүтү, жашоосу, бактысы Роза эле. Зымырат бир дагы кабар албады, басып келбеди. Аны ойлогон Суусаркан Розанын күбөлүгүнө: "Камбарова Роза Алсейитовна" дедиртип жаздырып койду: "Баары бир менин баккан энеси экенимди билбей койбойт" деп ойлоп "убагы келсе өзүм түшүндүрүп койом", - дечү. Убакыт деген адамдын ар бир саатын урдап алып күндүн кандай өткөнү сезилбей да калат кээде. Суусаркан Роза үчүн баарын жасады, өзү билим деңгээли жогору болгондуктан үй-мүлкүн, мал-жанын бүт Роза ээ болоорун тастыктап документтерин тууралап койду: "Эми мен күйөөгө кайдан тийдим, кудай алдына күнөөлүү болуп барбай так өтөйүн, Роза күйөөгө чыкса Зымыратты таап экөөнү тааныштырып койом, менин бардык мүлкүм ушул гана кызга тиешелүү болуш керек" деп ойлочу. Мына, бечара кыз кырк эки жашында капысынан ары карап ак менен караны ажыратып биле элек секелекти таштап кетип отурат. Эх бири кем дүйнө десең, кичине ооруп эле өлүп калам деп оюна да келбесе керек: "айыгып кетем!" - деген үмүт менен жатып жанынын учуп кеткенин сезбей калды го?!

Роза үйүн жыйнап, үйүн жыйнаштырганга жардам берип жүргөн келиндерге колкабыш кылып жүрдү. Суусаркан ага жумуш жасатчу эмес, ошентсе да өзү тирикарак болчу. Айрыкча катты окугандан кийин таптакыр өзгөрүлдү: "мен апамдын бакма кызы турбайымбы, неге өз апам мени таштап кеткен экен?" деп басса-турса "Зымырат" деген ат эсинен кетпей дилинде кайталанып атты. Ал күнү коңшу-колоңдор кирип чыгып улам уккандары куран окутуп келип атып Роза анча билген жок, ал турсун түн бир оокумга чейин отуруп элдин кетпегенинен уктап да калды. Кайсарбай болсо кеткен. Анын Розага ичинен жини келип: "энеңди урайын арам сийдик, баарына ээ болуп калгысы келип атса керек жашабагыр, эптеп кырк ашы өтсүн, менин тилимди албаса аны өлтүрүп салам, ким сурамак эле" деп ойлонуп кетти ал кеткенде да.

Күндөр билинбей убашып-чубашып өткөн кербендер сымал өтө берди. Роза жалгыз. Кеч кирсе коңшусунун өзү теңдүү кызын суранып келип экөө ойноп жатып уктап калышат. Жай өтүп күздүн салкын тарта баштаган мезгилинде Суусаркандын кырк ашын беришти. Кайсарбай эми чындап киришип Розаны алып үй ичин биротоло көчүрүп, мал-салын айдап кетмей болгондо ал таптакыр каршы чыкты: "Баланын кылаар иши чала дейт, кызым, сен али жашсың, өзүң жалгыз жашоо сага оор" деп улуу-кичүүнүн айтканына так секирип болбоду. Эл көзүнө ачуусу келсе да эч нерсе дей албай Кайсарбайдын айласы алты кетти. Ошондо сельсоветтен киши келип:

- Бул кыздын апасы мурунтан эле үй-мүлкү менен мал-жанын Розага жаздырып койгон, биз өзүбүз каралашабыз, көп болсо үч-төрт жылдан кийин окуусун бүтсө окуу жайга тапшырат. Сиз убара болбоңуз, биздин айылда бир жалгыз кемпир бар, ал Роза менен бирге жашап баш көз болот, - деди.

- Эмне үчүн, бул кыз үй-мүлккө ээ болгудай боло элек, жаш дагы, анан өзүнүн төрөгөн кызы эмес! - Кайсарбай чыдабай кетти.

- Өзбү, өгөйбү, маркумдун өз колу менен жазылган кагазы бар, биз документке таянабыз, сиз үйбүлө мүчөсүндө жоксуз, демек биз сизге ишенип кызды бере албайбыз!

- Мен анын урукташ иниси болом, эжем чынында жаш кетти, бирок ал мурда…

- Эмне мурда, ар кайсыны атпай чыгымыңды эсепте, анын мойнуна карыз кылбай малынан бөлдүрүп берем, бирок экинчи бул үйгө келгениңди кой! - Сельсоветтин секретары аны ачуулана карады, - Кана канча чыгым болдуң?

- Апей ботом, "эжем эле" деп өкүрүп ары-бери жүргөнү болбосо, кол кабыш кылып мүрзөгө койгондо тигил эле Мамасаалы койду, союлган кой менен уй өзүнүкү, кепинди өзүнүн акчасына алдырдык, - бери жакта отурган аял шакылыктап баарын айтып жатты, - Же бир кой сойсо да көрөт элек, мен бул жерде өзүм тейледим.

- Анда кечиресиз, кызды өз жайына коюңуз, бир кызды балдар менен кошуп өзүм деле багам! - деген сельсовет сөз бүттү дегендей басып кетти.

"Суусардын байлыгы менде калат, бир таштанды кызды эптеп үйгө алып кетсем анан калганын өзүм билем" деп ойлогон Кайсарбайдын тилеги таш каап: "энеңди урайын, өлөөрүн билип жүргөн го, арам сийдигине баарын калтырып, документ даярдаганга караганда" деп боз ала болуп басып кетти. Кеткен менен арам ой менен кетти, ал эми ошол кызды тындым кылып малын уурдап кетмекке өзүнө ант берди.

Розанын жетимдиги эми чындап билине баштады, баягыдай үстүнө үйрүлүп: "муну же, муну кий" деп бапестөөчү апасы жок аябай кыйналды. Сельсовет айтканына туруп айылдагы багаар-көрөөрү жок кемпирди анын үйүнө киргизип беришти. Бүбүзейнеп өзү төрөбөгөнүнөн жашында көп эле күйөөгө тийип далай балдарды бакты, бирок өзүнүн баласы болбогондон кийин аны карыганда карабай кетишкен. Азын-оолак малы менен жалгыз жашаган кемпирдин бир туугандары деле бар болчу, бирок карашчу эмес. Кийин дагы малын инилери талашпасын деген ойдо болгон малын инилерине бөлүп берип: "өлсөм силер көмөсүңөр" деп Роза менен жашаганга келе берди. Розага Бүбүзейнеп өз энесиндей мээрим төкмөк кайда, өз энесиндей болмок беле, эптеп көнүшүп бири-бирине жалгыздык деген караанды сездирбей күн өткөрүп жатышты. Сааттын жебесиндей чыкылдаган убакыт тез эле өтүп, арадан үч жыл байкалбай зымырады. Роза керилген кыз болуп, он жетиге толуп мектепти бүттү. Буга чейин ага ашыктык каттарын жазган жигиттер көп эле болду. Оор басырыктуу кыз эч кимисине жооп кылбады, жолугуп сүйлөшпөдү. Тек алдыга койгон максатын ишке ашырууну ойлонуп окуудан баш көтөрбөй китеп караганы караган. Ал аны сууктун кыраан чилдесинде жүрөк түшүргөн окуя аңдып турганын сезбеди. Ошол күнү Бүбүзейнеп сууктап калганбы же карылыгыбы, мештин жанында оронуп жатып алган эле. Роза терезе тушунда коюлган столдо китеп окуп келээрки окуу жылында чоң окууга тапшыра турган болуп даярданып жаткан. Эшик дүп-дүп дегендей болду. Кыз эч нерседен камырабай эле сыртка чыга бергенде аны карылуу кол үн чыгартпай оозун басып тыпырата ары сүйрөп кетти. Ошол маалда багына жараша коңшусу кемпирге баласынын жүрөгүн көтөрткөнү кирип келе жаткан эле, ал караандарды көрүп үйүнө жүгүрүп барды да күйөөсү экөө кайра келди. Алар мал ууруга келгендер го деп ойлоп үйгө киришсе Бүбүзейнеп ары карап эч нерседен капарсыз жаткан эле.

- Эне, Роза кана? Эшикте үч-төрт киши корооңорго кирип кетти, - дегенде алсыз кемпир ордунан тура калды. Роза ордунда жок, үчөө эшикке чыгып союл алып короону көздөй басып баратып:

- Ким ой бул, азыр милиция чакыртам, кызды койо бергиле! - деп үн сала мал короого кирип барышканда үчөө тең аларды ыргыта түртүп жүздөрүн көрсөтпөй качып жөнөштү. Розаны төргө казыкка чырмап, моюнуна эми сыйыртмак салганы калган экен. Тыбырчылаганынан алдары келбей кызды кыл аркан менен чырмап салып анан муунтуп өлтүрүп "өзү асынып өлдү" дедирмек экен да. Караңгыда кардын ичинен оозу дагы чапталуу кыздын үнүн араң угушуп зорго бошотуп үйгө алып киришти. Эртеси эле айылдык участкалык милиционер менен сельсоветке чейин билдиришти. Кыз аз жерден өлүмдөн калганына ызаланып ыйлап да, коркуп да жатты. Ал түндөгү адамдар бири-бирине атын айтпаган менен бирөөнүн үнүнөн Кайсарбай экенин тааныганын айтты эле, ошол күнү аны алып келишти. Ал баарын таанып киргенде милиционер эки-үч жолу дубинка менен ичке койгондо чынын айтты да, жалынып-жалбара баштады:

- Экинчи мындай кылбайм, кечирип койгула, биз жөн эле коркутуп эжемдин малынан бөлдүрүп алайын дегем, кайдагы эле бир таштанды кыз ээлеп алганына жиним келгенинен…

- Эмне, сенин эжеңде энчиң болбосо же анын бир тууганы болбосоң талаша бересиңби, кокус ал кыз өлүп калса деле сени таап алмакпыз, кыңыр иш кырк жылда билинет дегенди билбейсиңби ыя?

- Анын бетин ары кылсын, - Кайсарбай калп эле эптеп кутулмакка жандалбас кылып жатты. Ичинен: "өлүп калса кана" деп атканын тиги кайдан билсин.

- Шериктериңди таап кел!

- Ой байке, эми аларды өзүм алып келгем, кечээ алар коркконунан шаарга качып кетишти. Аларда күнөө жок! - Кайсарбай кайпактады. Анткени тиги эки шериги түндөп үйүнө барышып: "эгер билинип калып бизди соттой турган болсо сени тирүү койбойбуз, бизди азгырган сенсиң, өзүң мойнуңа алгын" дешип коркутушкан болчу. Ошондуктан аларга чаң жугузбай эптеп өзү да кутулуп кетип жатты. Он беш күн камап беш жүз сом айып төлөтүп, "эч зыян болгон жок, мурун камалган эмес" деген тастыктоо менен койо беришти. Бирок ошону менен тыйылып калбай эми өзү киришмек болду. Ал эми кызды окууга кетээр маалда жолдон тосуп өлтүрмөккө өзүнө сөз берди. Ал ички сырын аялына да айтчу эмес. Аялы Суусарканды кайнежесиндей деле көрчү эмес, бирок сыйлачу эле. Күйөөсүнүн күйүп-бышып эле "бир кайдагы шүмшүк мал-мүлкүнө ээ болуп калабы?", деген сөзүнө кайдыгер гана: " жинди болдуң беле, ага анча эмне эле күйүп бышасың, калса калаар, аны өзү төрөгөндөн ашык кылып бакты, сенин эмнең кетип атты" деп койгон. Ошону менен ал унчукпай кала берди. Ичинен ит талап: "мен үч баламды бага албай чычкак улак таппай жүрсөм кайдагы бир чычкак кыз ошончо байлык менен кала береби, жок дегенде бөлүшүп берсе болмок" деген ичи тардыгы кармай берди.

Күткөн жаз да келип, документтерин даярдап бүтүп, мал сатып жолуна тыйын алып, Роза окууга кетти. Аны акмалап жүргөн Кайсарбай артынан эле Фрунзеге жөнөдү. Өкмөт ошол учурда демократияга, эркиндикке умтулуп жаткан убак. Ал окууга канчалык какшап атса да өтпөй калды. Акыры убактылуу жашаган жатаканасынан чыгып кайра жөнөмөк болуп өзүнчө бук болуп ыйлап, паркка кайрылып бир аз олтурмакка көзүн аарчый отура кетти. Убакыт кеч болуп калган. "Бүгүн кеч болуп калды, кыздар менен жатып алып эртең эрте чыксам деле болоор" деп ойлоп отура берди. Бул кезде артынан канча күндөн бери ээрчип жүргөн кара көлөкөнүн аны көздөй келатканын сезбей ичтен арман кылып ызалуу: "жок дегенде таянаар бир адамым болсочу, апаке, эмнеге жапжаш эле өлүмгө баш ийип бердиң, жок дегенде ушу күндө сен бар болсоң эч санаасыз окубасам дагы армансыз жүрбөйт белем?! Кана Зымырат деген эмеси, мени төрөп анан таштап койгон аял, ушундайда мага арка-жөлөк болбойт беле, апаке, тажадым ушул жашоодон, мени да өзүң менен кошо ала кетчи?!" деп үнсүз арбагы менен дилинде сүйлөшө берди. Ошол убакта тал арасы "шырт" дегендей селт этип эки жагын караса паркта жалгыз эле отуруптур. Жүрөгү опкоолжуй ордунан тура жөнөгөндө артынан бирөө оозун баса калып бекем кучактай ары жактагы топ арчанын түбүн көздөй сүйрөп жөнөдү. Эми кыздын шымына асылып арам оюн ишке ашырмакка киришкенде Розада бир күч пайда болуп тигини тумшук талыштыра тээп жиберди. Ал жыгылып калганда ордунан атып туруп жүгүрүп баратты.

Бул Кайсарбай эле, ээн бактын ичинде кызды зордуктап анан өлтүрүп кетмек болгон. Ал тумшугу канаганын сезди, оозуна ысык бир нерсе кирип түкүрүп алды да узай элек кызды кууп жетип кармап көргүлүктү көрсөтмөк. Бирок анын буттары тушалып баса албай кыздын кеткен жагына көз жүгүртүп алып оозунан келмеси түшүп калды. Анткени кетип аткан кызды колтуктап ары узаткан аппак көйнөкчөн аял кайра өзүн көздөй желбирей буту жерге тийбей учуп келаткандай көрүндү. Көзүн бардап ачып жума артына качып жөнөдү. Көпкө чейин артын карагандан коркуп, чоң көчөгө жеткенде артын караса эч ким жок: "Коркконго кош көрүнөт" болдум го деген ал "өх" деп эс ала түшүп троллейбус менен жатчу үйүнө келди. Бирок бир аз мурун көргөн окуяны көз алдынан кетире албай жаман абалда болуп турду: "бул эмнеси, арбак билип атабы?" деп өз оюнан коркуп да кетти: "Кантип эле өлгөн киши биле койсун, эмдигиче сөөгү сөпөт болбодубу, коркконго кош көрүнөт болдум окшойт" деп эртеси айылга жөнөмөй болду. Роза дагы эртеси кыздар менен коштошуп үйүнө жөнөдү. Бирок ал ушул ирээт шаарга биротоло кетмек болуп келип эле сельсоветке кайрылды да, ушу базарда малдын баарын сатып шаарга кете турганын билдирди. Ошентип рубль акчалары самандай сапырылып берекеси жок болуп турган кезде үйдү бошотуп Суусаркандан калган мүлкүн жүктөп, малдарын калтырбай сатып ийип шаарга баса берди. Келген күнү эптеп бир квартира жалдап алып ал жерде туруп калды. Бир айдай издеп жүрүп өзүнө ылайык бир бөлмө үй сатып алды да, көчүп келди. Ошентип Розанын кийинки өмүрү шаарда өтмөкчү болду…

Көңүлү бир аз болсо да тынчыгандай болгон кыз апасы Суусаркандын сүрөтүн колуна алып көпкө-ө чейин карап отура берди: "Апакем, алтыным менин, мен сени аябай сагынып кеттим, бейиште жүрөсүңбү деги апа, менин жашоом үчүн өлөөрүңдү билип анан кам жегенсиң го ээ, болбосо мага эч нерсени ээ кылмак эмес, бейиште эле жүрчү апаке" деп ойлонуп отуруп эле эчкирип ыйлап жиберди. Он чакты күндөн кийин базарларды аралап көрүп жаңыдан соодага чыгып жаткан кыргыздарды байкап анан базар экономикасын чыгарган өкмөткө нааразы боло баштады: "Деги эмнеден баштайм, бир аз акчам түгөнсө жашоого мүмкүн болбой да калат, жеп-ичип отуруп алсам мени ким аямак эле? Кой, эптеп бир нерсе кылайын" деп ойлоп өзүнө ылайык эле майда-чүйдө саткан стол даярдап тамеки менен семичке, дагы майда баратты коюп алып сата баштады.

Күн өтүп убакыт жылга алмашып шаарга келгенине жыл айланып калды. Баягыдай эле бир үйдө жапжалгыз жашайт. Бир бөлмө үйүнө квартирант алууну ойлоп өзү да жалгыздыктан тажаганын билди. Көп эле жигиттер айланчыктайт, бирок Роза бир да жигитке оңдуу жооп берип же жылмайып сүйлөбөдү: "Мендей томолок жетим кызды ким эле теңине ала койсун, тебелеп-тепсеп шылдың кылып кетип калса мен дагы төрөгөн энемче баламды талаага таштап жүрбөйүн" деген ойдо. Анын жанына кээ-кээде бир өзү курдуу жигит келип бир азга туруп анан кетет. Анын атын да билбейт. Жылдыздуу жаш жигитти мостойгон суз мамилеси менен узатып койот. Бир күнү ал:

- Чоң кыз, мынчалык неге сузсуң, танышып алалы, менин атым Гүлжигит, - деди жылмая карап.

- Роза, - деди дале суздугунан жазбай.

- Атыңызга затыңыз жарашып абдан сулуу экенсиз, чын эле атыңызды таап койгон экен ата-энеңиз.

- ?...

- Сүйлөшүп туралы жок дегенде, кай жерден болосуң? - Гүлжигит анын сүйлөгүсү келбей турганын билип туруп эле кайра сүйлөй берди, - бул жерде ким менен турасың?

- Өзүм эле, - Роза келген клиентке чылым сатып атып жооп берди.

- Жалгыз коркпойсузбу, Роза?

- Эмнеден корком, жылаңач келип жылаңач кетчү бул дүйнөдө эмнеге корком?

- Ырас эле… - Гүлжигит ойлуу бир аз турду да коштошо басып кетти. Кыз эмеле жанында турган жигитке кайдыгер мамиле кылып жаткан менен ал кетээри менен жалгызсырай түштү, эки жагын элеңдей: "Кетип калды ээ, эмнеге ага адамча сүйлөбөй койдум, деги мен мерез жаралып калганмынбы же жашоо ушуну үйрөтүп өмүрүм өткөнчө жалгыз өтүп кетемби?" деп санааркай отуруп калды. Көнүмүш турмуш алга жетелей ала салган күндөр өтө берди. Азыр ал жанында өзү теңдүү эки кыз менен жашайт. Экөөнөн батир акысына эки жүз сомдон акча алат. Ошентип көңүлсүз күндөрү өтүп бара-бара ачылып шайыр, күлкүчү, жайдары кызга айланды. Антип-минткиче жыйырмага жашы келип окууну унутуп бүт ою соода болуп алган. Гүлжигит болсо күндө келип жүрүп акыры сүйүүсүн айтып ал турсун үйлөнүүнү сунуш кылды. Кыз ага эмне дээрин билбеди же кеңеш сураар жакын адамы жок. Баягы апасынын төрт бүктөм саргарган катын үч бурчтук кылып чүпүрөккө тигип моюнуна илип алган: "кокус Зымырат дегенди көрсөм катты ага көрсөтөм" деген ойдо жүрөт. Бирок андай кымбат адам ага оңой менен жолуга койбоду. Гүлжигит ага күндө: "качан үйлөнөбүз" дегенин койбоду. Бир күнү ал:

- Жүр Роза, мен сени ата-энем менен тааныштырам, сен аларга сөзсүз жагасың, алар дагы жагат, - деди колдон ала.

- Койсоңчу Гүлжигит, менин томолой жетим, эч кимим жок экенин билсе ата-энең каршы болот, көрөсүң го? - деп Роза ыйламсырап ийди.

- Ал эмне дегениң, алар андай адамдар эмес, ал турсун мамамдар сүйүүнү жакшы билишет, - деди Гүлжигит кыздын көңүлүн сооротууга аракеттенип, бирок Роза айтканынан кайтпады.

- Гүлжигит, мен сага ыраазымын, сенин мен деген жүрөгүңдү үшүтүп атканымды дагы билемин, бирок мага өзүмдөй эле карапайым бирөө болсо.. Өмүр бою өзүмдү кем сезип сени менен жашай албайм! - деп үйүнө кирип кетти.

Ошондон көп өтпөй эле анын жанына машина токтоп, Гүлжигит түштү да Розаны ой-боюна койбой товарын жыйнап машинага жетелеп салып кетти. Жолдо келатып экөө бир урушуп бир табышып анан кыз жигитке таарына минтти:

- Жок дегенде үстү-башымды оңдоп кийинип алсам болмок, базардагы бойдон мени уят кылмак болдуң го?

- Ой сен ушул эле турушуң менен жагасың аларга, - деген Гүлжигит кыңылдай ырдап Розаны карап көзүн кысып койду. Ушул мүнөттөгү көз-караштар нени гана айтпады бири-бирине.

Аттиң, бирине-бири дилдерин берип, өмүрлүк жубайлардан болууга ата-энесине алып бараткан менен, алардын алдында кандай ажыроо жатканын, экөө бир тууган болуп чыгаарын билсе, анда сүйүү сезимин Гүлжигит Розага айтмак беле?! Зыпылдаган машинада бараткан кыз: "менин томолой жетим экенимди билсе каршы чыгышат го, ай кудай ай, апакемдин өзүнүн эле кызы болгонумда эмне, оо кагылайын апаке, мага жардам берчи, Гүлжигиттен ажырабай бир өмүр бирге жашасам экен" деп ойлуу. Гүлжигит өзүнчө: "жетим болсо эмне экен, мен сүйөм, ансыз деле өздөрү сүйүп баш кошушкан эмеспи, түшүнүшөт, келиниме өз ата-энесиндей мамиле кылышат" деп ойлонот. Машина чоң дарбазалуу үйдүн эшик алдына келип токтоду. Гүлжигит адегенде өзү түшүп анан Роза отурган эшикти ачты да анын сунган колун ала жетелей үйгө ээрчите кирип барышты. Алардын кирип келгенин көргөн Зымырат делдээ туруп калды...

Зымырат кызын Суусарканга таштап келгенден кийин эле аз өтпөй Камбарга жолугуп калды. Ал жолугаары менен өзүн издеп жүргөнүн айтып кечирим сурап жалбарып да, жалынып да жатты. Кыз жүрөгү ансыз да канап боор этинен жаралган кызын таштап келгенге үшүгөн жалбырактай дирилдеп үнсүз көзүнүн жашын төгүп турду: "Кайдан билдим, эми кеч, кагылайын кичинекей наристем ай, энеңдин эмчек сүтүн кана эмбей өлүү сүт менен чоңойо турган болдуң, минтип Камбардын келээрин билсем сени таштамак эмесмин, кечире көр кичинекей көпөлөгүм..." Анын көз жашы Камбардын колуна таамп кетти. Ал аны имере кучактап алып кечирим сурап жаткан, колу төшүндө эле. Үнсүз муңайып турган селкисин ого бетер кыса кучактап:

- Жаным биргем, сен үчүн баарынан кечип баса бердим. Эмне, төрөдүңбү, кайда ал? - деп шыбырай сурады, - бир көрсөтчү, менин уулумбу же кызымбы…

- Кыз болчу… - Зымырат да алсыз шыбырады.

- Кыз болчу дейсиңби?! Эмне болду ал, бол эртерээк айтчы Зымыш?

- Ал өлүп калган!

- Эмнеге?

- Ичтен кыйналса керек. - Ошону менен сөз бүттү.

Камбар менен Зымырат бирге жашап той да өткөрүштү. Ата-энеси кайра-кайра чакыртса да барбады: " Мен силер үчүн өлгөн кишимин, менин калоом, жүрөгүм менен ишиңер жок, мен аны сүйбөйм, жашабайм" деп кат жазып досунан берип жиберди. Анын алган аялы Акчайым аргасыздан үйүнө кетип калды. Камбар болсо өзүнүн кылган кемчилигине өкүнүп кечирим сурап:

- Эгер мен үйлөнүп албаганда сен аман-эсен көз жарат элең, кызыбызды эркелетип отурмакпыз, - деп улутунду эле Зымырат ага бир сыр билгизбей:

- Камбар, ага кейибей, өлгөнүн кайра-кайра эле айта бербей унут эми, мына кайрадан боюма болуп калыптыр, кызыбыз үч ай болмок, эмдиги жылы ушул маалда көз жарып алсам үч ай болуп калат. Кызыбыздан бул туура бир жаш кичүү болот экен, - деди жылмая күйөөсүн кучактап. Айткандай эле Розанын төрөлгөн күнүнөн эки күн өткөндө Зымырат уул төрөп атын Гүлжигит койгон. Ошол Гүлжигит ушул Розасын жетелеп келип атпайбы?!

- Эй Зымырат кантесиң, конокту кел десең боло, сага эмне болду? - Камбар аялын таңгала карап алып кайра тиги экөөнү карады, - Кел, келегой кызым, отургула, - деп анан: "аа байкушум, келиндүү болот экемин деп кубанганынан го?" деп кайра отуруп калды.

- Эмне дейсиң Гүлжигит?

- Апа, сиздер…

- Мм… - Зымырат сүйлөйүн деп келатканда Камбар сүйлөп ийди:

- Кызым, кайда жашайсың, ата-энең каерден?

- Мен… мен жалгыз жашайм, Чаң-Кеминден болом, апам жашымда эле өтүп кеткен…

- Бир туугандарың барбы?

- Жок, жалгызмын…

- Камбар! - Зымырат үнүн катуу чыгарып күйөөсүн тыйды, - Кызым… атың ким? - Зымырат кызга карады, анан жан дүйнөсү будуң-чаң болуп: "Оо кудай бул менин Розам го, Суусаркан өлүп калганбы, жашымда эле өлгөн дейби, бул күнгө чейин кантип жашап жүрөт, мен айбан, бир жолу барып койбогон" деп кызды телмире тиктеди.

- Роза.

- Апаңдын атычы?

- Суусаркан! - дегенде Зымырат ордунан туруп барып кызды кучактай калды:

- Кагылайыным десе, сени да көрөөр күнүм бар экен ээ, Суусаркан байкушумдун кызы турбайсыңбы?!

- Ооба… - Кыздын да мууну калчылдап: "качан 'мен сени төрөгөн апаңмын' деп айтып ийет?!" деп күтүп көздөрүнө жаш толо калды. Бирок Зымырат эч нерсе дебеди. Розаны коноктоп анан узатып коюшту. Гүлжигит ичинен кубанып: "демек атамдар каршы болбойт, тойду тездетиш керек" деп ойлоп Розага:

- Көрдүңбү, алар сени жактырышат, апам "биринчи келинимди кызымдай эле көрөм, анткени кызым жок, экөөңөр элесиңер" деп калат, иним али мектепте окуйт, - деп мактана сүйлөп баратты. Роза негедир унчукпайт, анын жандүйнөсүндө бороон улуп, деңиз толкугандай жүрөгү уламдан-улам солк этип кайра ылдамдай согуп: "үйгө тезирээк жетсем эле сүрөттөрдү карайм, анан тигил экөөнү салыштырам, оо кудай ошолор болуп калса анда Гүлжигит менин иним болуп калат турбайбы" деген ой башына келтек тийгендей зыңгырай көздөрү караңгылап баратканда машина токтоп Гүлжигит адаттагысындай эле:

- Келип калдык, чоң кыз, - деди колун суна. Бул жолу Роза ага колун бербей эле өзү түшүп:

- Кош Гүлжигит, менин башым ооруп чыкты, тезинен үйгө барайын, - деди да товар салынган чоң сумканы көтөрүп шашыла кирип кетти: "Роза, эртең келем", - деген жигиттин жообун бергенге үлгүргөн жок: "Эмнеге, эмнеге эле мелтирейт, эгер бул мени сүйбөсө менин жан талашканым кеп деле эмес го, эмнеге мынчалык мерез" деп ойлонуп анын артынан бир азга карап туруп анан машинасын жылдырды.

Бая Роза менен Гүлжигит чыгып кеткенден кийин Камбар Зымыратка:

- Сен эмне эле киши тосуп көрбөгөнсүп бир кыздын көзүнчө өзүңдү жоготосуң? - деди.

- Каке, мен эми сага сырымды ачып бербесем болбойт, Гүлжигит бая күнү мага: "апа сүйлөшкөн кызымдын аты Роза, абдан жакшы кыз" деген. Бүгүн көрүп жүрөгүм токтоп кала жаздады.

- Эмне үчүн?

- Анткени ал биздин кызыбыз Каке, балаң аны сүйөм деп атса, миң түркүн ойду ойлоп ийбедимби?

- Койсоңчу, сен ал кызды өлүп калган дебедиң беле?

- Жок, ал өлгөн эмес. Мен аны Суусардын эшигине алып барып таштагам, ал турсун менин кызым экенин ачык айтып кат жазып "экинчи барбайм, кызды талашат деп коркпо", - деген элем, сөзүмө туруп барган жокмун, байкуш Суусаркан жаш эле өлүп калган тура!

- Кызы-ык, эми балаң кандай абалда калат, муну укса, элеп-желеп болуп жүргөн неме…

- Айтып түшүндүрөбүз, садагам татынакай болуп чоңойгон экен, эртең Гүлжигитти алып кел дейли да орой көз чарай болуп отуруп айталы, түшүнөөр…кечирээр?

- Ай ким билет, сен эле кайдагыны чыгарып атасың билбейм, эртең дагы тактап сурап билээрбиз, бул дүйнөдө бир эле Суусаркан бар бекен, аты уйкаштар көп да?

- Жо-ок Каке, мен көрүп эле сезип-билип алдым, негедир көздөрүн көргөндө эле сенин жаш кезиңди көргөндөй болуп кызыктай болбодумбу.

- Эгерде ошондо Суусарканга таштаганыңды билсем дароо эле алып келмекмин, сен айтпай койдуң.

- Мен Суусарканды аядым, ошондо үч ай болуп калган, күнү-түнү уйкудан безип жаш бала багуу оңойбу, байкушту сыздатпайын дедим да…

Аңгыча Гүлжигит келип калды, кирип келип эле:

- Апа, сиз эмне болуп кеттиңиз, анын апасын тануучу белеңиз? - деди суроолуу тигиле.

- Ооба уулум, анын апасын атаң экөөбүз тең таанычубуз, - деди көздөрүн ала качып Камбарды карай. Камбар: "айтпа" дегендей башын чайкап койду. Муну байкап калган уулу:

- Силер менден бир нерсени жашырып жатасыңар го ээ? - деп жалдырай сурады.

- Эмнени жашырмак элек уулум, бул кызды деги кайдан таап жүрөсүң? - Камбар андан тактай сураганда анын жини келе:

- Демек мен эми түшүндүм, анын жетимдигин кемсинтип, мага тең эмес деп турасыңар го, силер каршы болсоңор дагы мен Розага үйлөнөм дедимби үйлөнөм! - деди ички үйгө кирип баратып.

- О-ок! - Зымырат чыңырып ийгенин өзү да билбей калды. Гүлжигит чоочуй артына карай салса Зымырат жыгылып бараткан экен, жетип кармай калды. Камбар дагы чоочуп кетти. Диванга жаткыргандан кийин эс ала түшүп: - уулум, эртең Розаны ээрчитип келчи, мен өзүм жакшылап сүйлөшөйүн, - деди уулун жалдырай карап.

- Макул апа, алып кел десеңер азыр да алып келем!

- Азыр болбойт, биз аны коноктогудай кылып камынып алалы, - Камбар токтоо сүйлөдү, - Үйлөнө турган жигит да сендей болобу, мынчалык жеңил болбой жүр уулум, ар нерсенин убакыт-сааты болот.

- Силер айткандай эле болсун, апа коркутпаңызчы, деги сиздин денсоолугуңуз начарлап баратканбы дейм?

- Коркпо, апаңдын ден-соолугу кудайга шүгүр эле, бир аз ойлонгондуку эле?

- Анда мен жатам, чарчадым, - Гүлжигит бөлмөсүнө кирип кетти.

- Эй бала, бирдеме ичип алсаң боло?

- Жок, кардым ток.

Эне-ата үндөбөдү: "Мейли ал дагы ойлонуп жатат, акыры түшүнөт, кайда бармак эле, тагдыр деген ушундай тура!" деп ар кимиси ойлонуп кала берди. Камбар: "мына кызык, ушунча жылдан бери мага бир ооз айтпай ичтен сызып чыдап жүргөнүн, Суусарканды аяган тура, байкуш кыз жакшы неме эле, Зымыратты ал дагы түшүнгөн, болбосо ал мени сүйчү эле, тобоо, деги бу жумуру баштан эмнелер гана өтпөйт" деп аялын аяп турду.

Өзү кайрылып келгендеги көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп сөз айтууга чамасы келбей үнсүз ыйлап турган Зымыраттын ошондогусун эстеди: "көрсө аны аяп айта алган эмес тура". Зымырат да ой түбүндө калкып эчен жылдардан бери ичтен сыза: "Суусаркан Розанын атын өзгөртүп алды бекен же ошол бойдон багып жүрөбү, күйөөгө чыкса кызымды өгөйлөп батырбай эмне күндө болуп жатты экен" деп ойлонуп жүргөнүн, анын аты өзгөрбөй эле маңдайында суйкайган кыз болуп бойго жетип жигит жандап… болгон да бир эне, бир атадан туулган инисинин сүйгөн кызы болуп келгенин көргөндө жүрөгү ийне менен сайгылагандай сыздап кетти: "сенин улуу эжең бар, аты Роза, издей жүр" десем болмок экен" деп өзүнүн каталыгына ичинен жини келип алды.

Эртеси эрте туруп Камбар менен Зымырат базарга жөнөмөк болду. Гүлжигиттин адаты түшкө чейин уктамай: Ал ойгонгочо келип калабыз деп чыгып кетишти. Гүлжигит туруп эле ата-энесин таппай калды: "базарга кетишкен го" деп жуунуп эми чай ичмек болуп столго отуруп жатканда Камбарлар кирип келди. Оңор эмес чоң-чоң эки сумканы көтөрүп киришти. Анан чогуу тамактанып Гүлжигитке эч нерсе айтпай эле "Розаны алып кел, коноктоп, жакшылап сүйлөшөлү" деп жиберишти.

Гүлжигит: "жагып калды бекен, жакшылап коноктойбуз дегенине караганда бир сыр бар, балким сынаганы жаткандыр" деп ойлоп тез эле Роза жашаган үйгө келди. Келсе ал үйүндө экен, базарга чыкпаптыр. Гүлжигитти көрүп "кел" деп башын ийкей учурашкан болду. Жигит кызды бетинен өөп койду да:

- Атамдар сени чакырып жатат, тезирээк келгиле деди, - деп айтканда Роза сумсайган жүзүнөн нур төгүлө жадырай:

- Эмнени сүйлөшөт экен? - деп койду.

- Билбейм, иши кылса ээрчитип кел деп мени жиберишти.

- Болуптур, азыр кийинип чыгайын, - деген кыз ичке кирип Зымырат менен Камбар, Суусаркан үчөөнүн түшкөн эски сүрөтүн, катты сумкасына салып алды да жасана кийинип чыкты. Анын азыркы турпаты чынында Зымыратка окшоп, бет түзүлүшү Камбарга куюп койгондой эле. Гүлжигит аны көрүп: "тобо-оо эгер жасанып алса чырайына чыгып калат тура" деп ойлоп машинанын эшигин ачты эле Роза отурганда рулга отуруп айдап жөнөдү.

Алар келгенде Камбарлар стол үстүнө жайнатып, тамагын асып коюп күтүп отурушкан. Роза кирип алар менен баш ийкешип учурашкандан кийин эч нерсе билбейт деген ойдо чай куюп отурган Зымырат Суусаркан жөнүндө сурай кетти:

- Роза, апаң эмне оорудубу, атаң кайда эле?

- Ата дегенди билбей чоңойдум, апам менин эң кымбат адамым эле, ал мындан беш-алты жыл мурун башым деп жатып эле кете берди, мен анда он төрттө болчумун.

- Аа - байкушум десе… - Зымырат ыйлап ийе жаздаганда Камбар аны тыйды.

- Койсоңчу Зымыш, балким башка Суусаркандыр, - Розаны карай сүйлөдү, - Кызым, апаңдын сүрөтү барбы? Зымырат бир кездеги курбу кызы менен алмаштырып жатат окшойт, - деди токтоо.

- Бар, мен апамдын сүрөтүн дайым ала жүрөм, - деп ал жалгыз түшкөн Суусардын сүрөтүн сумкасынан алып чыкты.

- Ошол, байкуш ай, жапжаш эле өлүп калган тура, - Зымырат дагы токтоно албай чыйпылдап жиберди.

- Ал турсун сиздердин да чогуу түшкөн сүрөтүңүздөр бар! - Роза билмексен боло үчөөнүн сүрөтүн алганда Камбар ордунан тура ары-бери басып: "демек анык экен да, эми кантип айтаар экенбиз, уулум күйүп-жанып сүйүп жүргөн кызы бир тууган эжеси экенин билсе кантээр экен, ушунун баары менин гана күнөөм, мен үйлөнө койбогондо Зымырат муну таштамак эмес" деп айласы кетип муруну, башы-көздөрү өзүнө окшоп маңдайында отурган тун кызын элжирей карап алды: "Ай турмуш ай, эми канттик, экөө тең эч нерсе билбей бизди үйлөнтөт го деп ичтеринен кубанып отурушат, сүйүүнүн азап-тозогуна күйүп көрбөдүм беле" деп дале ойлуу басып жүрдү. Бир кезде Роза бар күчүн жыйнап: - Мен сиздерди түшүнүп турам, ар убак өзүмө жөлөк болчу адам издеп сиздерди да издеп жүргөм, мына бул катты сиз жаздыңыз беле?! - деп Зымыратка жаштуу көздөрү менен караганда анын жүрөгү болк этип кетти.

- Кайсы кат?

- Бул каттагы Зымырат сизби же башкабы?

Гүлжигит окуянын эмне болуп баратканын билбей ар кимисин бир карап дел болуп отура берди.

- Оо жараткан! - Зымырат колуна катты алып эле ордунан туруп келип Розаны кучактай басып калды.

- Каралдым менин, баарын билет турбайсыңбы, садагам! - ыйлап жатып талып жыгылды. Аны зорго диванга алып барып жаткырышты. Гүлжигит эмне болуп кеткенине башы жетпей жерде жаткан баракты окуп алып шарт эте үйдөн чыгып кетти. Ал азыр жалгыз болгусу келди. Оюнда жалаң гана Роза болуп не деген асыл максаттары бар эмес беле: "эми аны кантип эже дейм, кантип унутам, кызык, эми эмне болот?" деп тумандаган миң сан суроосуна жооп таба албай кечке ээн жерде басып жүрө берди: "эми үйгө кантип барам, ата-энем эмне дейт?" ушинтип ойлоп үйүнө баргысы келбей курсташ досуна жолугууга жөнөдү. Ал экөө жолугуп кафеге кирип пиводон ичип көпкө отурду.

- Дос, сен бир нерсеге капа болгонсуң го, мындай эмес элең? - деди Элебес.

- Ээ дос, эмнени айтайын, - Гүлжигит эмне деп айтаарын билбей калп айтты, - Бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү элем, ала качып кетиптир.

- Оой кокуй десе, ошол элеби, сен экөөбүзгө азыр кыздын эмне кереги бар, адегенде окуп билим алып, андан кийин кызматка отуруп алсак кыздар өзү эле келет, ошого да ушунча "грустит" этип атасыңбы?

- Мен аны чын жүрөгүмдөн сүйчүмүн да?! - Гүлжигит төшүн койгулады, саал кызый баштаган болчу.

- Досум, сен анда бала бойдон экенсиң, азыркы сүйүү тоок сүйүү, андан кийин мырза сүйүү, үчүнчү жолу гана чыныгы сүйүү келет, азыр эмне… - деп Гүлжигитти далыга таптай жооткотуп отурду. Ортодон жогору кызуу болуп калган Гүлжигит түн ортосунда үйүнө келип шырп алдырбай бөлмөсүнө кирип жатып алып ойлонуп койот: "чын эле мен аны сүйбөй эле бир туугандык сезим менен жакындашып жүргөнмүн го, чынында бир көргөнүмдө таанышымдай көрүнүп кеткен, анын атама окшош экенин бүгүн көрдүм, көрсө ошон үчүн сүйүп жүргөн экенмин" деп шыпты карап жатып өзүнчө жылмайып алды: "Бир туугандык сезимди сүйүү деп алмаштырып алган экемин да".

Ошол учурда анын бөлмөсүнө Камбар кирди, ал тынчы кетип уктабай отурган, шырп алдырбай кирип кеткенин көрүп артынан кирди да:

- Уулум, мынча кеч келдиң? - деди.

- Жөн эле ата, - Эч нерсени жактырбагандай төшөк менен жүзүн жаап алып бурк этти уулу, - жата бербейсизби!

- Сенден көөнүм тынбады, анан дагы сүйлөшө турган сөзүм бар!

- Мен баарын түшүндүм ата, мага ашыкча сөздүн кереги жок!

- Мейли анда, тынч эс ал, демек түшүнүпсүң да? - Камбар уулунун азыр сөз укпасын сезип чыгып кетти: "Демек түшүнгөн экен, бир тууган болуп эмеле аралашып кетишет, деги жакшы болду, өмүр бою кызыбыз эч кимиси жок жалгыз арман кылып жүрбөй табыштырып койгонуна, байкуш кызым эстүү, чечкиндүү болуп чоңоюптур. Суусаркан абадан жакшы кыз эле, эне кызды жаратат деп чын айтылган экен, жакшы тарбиялаптыр" деп ойлуу көпкө чейин чылым чегип басып жүрдү.

Розага эки-үч сыйра кийим алып беришти. Басса-турса жалынып-жалбарган Зымырат: "аттиң, ушул кыз кыбыраган эле жаны бар ымыркай эле, байкуш Суусаркан кең пейил жан экен да, атын өзгөртпөй чоңойтуп метиркесин дагы атасына жаздырып койгонун, бейиши болгур" деп ойлоп эртеси эрте туруп куран окутуп коюуну ойлоп жатып калды. Розага өзүнчө бир бөлмөнү беришти.

Ал ойлонуп жатып уктап кетти, түшүндө Суусаркан кирип: "Зымырат, Розаны сага тапшырдым, жакшы кара, бөлөк өскөн немени таарынта көрбөгүлө" деп жатыптыр. Чоочуп ойгонуп кетти: "оо айланайын жараткан, кереметиңден айланайын десе, байкуш Суусаркандын арбагы кызымды тапканымды билген тура" деп көпкө уйкусу келбей жата берди. Анын түйшөлүп уктай албай жатканын сезген Камбар:

- Эмне эле ары-бери тынчың кетип атат, уктабайсыңбы? - деди.

- Уйкум келбесе эмне кылайын, Нуржигитти ордуна алпарып жаткырсаң боло, бул дагы чоңойгондо койнуңарга жатам деп балекет болду, - Зымырат наалый кетти, - Тээп ийгенинен чоочуп ойгонсом буту менин тумшугумда экен.

- Өзүңүн ордуна жат дебейсиңби анан, эркелетип алып жатып алган өзүң, - экөө күңкүлдөшүп жатканда эшикте короз кыйкырып калды.

Таң кылайып жерге жарык чача баштаганда Зымырат ордунан туруп камыр жуурду. Антип-минтип балдары ойгонгуча жети токочту кыпкызыл кылып дасторконго коюп баары отургандан кийин Зымырат Гүлжигиттин бөлмөсүнө барса ал жок. Эрте туруп кетип калыптыр.

- Балаң жок, түндө келди беле?

- Келген, мейли ал өзүн колго алып алсын, ага азыр оңой эмес да, акыры баарын таразалап көрүп өзү чечет, убакыт бериш керек! - Камбар кенебеди. Роза ыңгайсыздана кызарып кетти. Аны байкаган ата: - Кызым, өзүңдү эркин сезгин, сен эми баягыдай жалгыз эмесиң, мына биз турабыз, эки иниң бар, - деди анын чачынан сылай жаагынан өөп, - Иниң азыр жаш, көрсө силерди бир туугандык сезимдер байланыштырып жүргөн тура.

- Мен ичимден ойлонуп сиздерди тымызын гана издеп жүргөнүм менен Гүлжигитти иним болуп чыгат деп ойлобоптурмун…

- Эч нерсе эмес, башкысы сен үйбүлөңдү, ата-энең менен бир туугандарыңды таап жалгызмын деген санаадан алыс болдуң, ушуга шүгүр, апаң ушунча жыл сени бул дүйнөдө бар экениңди айтпайт ичтен сызып жүрүп жүрөгү оорукчан болуп бараткан. Көрсө ыраматылык апаңды аяган тура. Эми бул үйдө тартынбай каалагандай жүр.

- Мен үйүм бар да?

- Ал кайда качмак эле, азыр үй таппай жүргөндөргө квартирага берип койобуз, керегиңе жаратасың, макулбу?

- Садага болоюн көпөлөгүм десе, аман-эсен чоңойтуп колума берген Суусарканга ырахмат, ылайым жаны жаннатта болсун! - Зымырат дале кубанычын жашыра албай жатты, - Түндө түшүмө кирип сени мага тапшырып атыптыр, арбагы билип турат окшойт ээ Камбар?

- Ананчы, ал байкуш эч күйөөгө тийбей так өтсө, ал бейиште эле болуш керек?

- Ошондой го? - Зымыраттын жүрөгү зырп этип алды: "Камбарды сүйчү, башканы андай сүйө алган эместир, болбосо жогорку билими бар, өңдүү-түстүү эмес беле?" деп Камбарды карады. Ал мунун оюн биле койгонсуп:

- Өзү өңдүү-түстүү да, акыл-эстүү болчу, эмнеге күйөөгө чыкпады экен?

- Эми анын көзү жок, аны өзүң түшүнөсүң да, - Зымырат туюктап сүйлөгөндө Камбар ага түшүнгөндөй башын ийкей:

- Пешенеси ошол экен да… - деп анан кыраатын келтире куран окуп Суусаркандын арбагына багыштады. Баары бата кылгандан кийин токочтон үзүп жей башташты, бирок Роза баары аны же-ич деп атса да көнө албай жатты. Айланып-кагылып аткан Зымыратты баккан энесине салыштырат: "апам байкуштун өзү болсо бекем кучактап алып өпкүлөп алат элем, өз энем болгону менен мен буларга боор бере албайт окшойм" деп ойлогон Роза эрте мененки чайдан кийин үйүнө барууну суранып кетти. Үйүнө келип жатып алып кубанаарын же өкүнөөрүн билбей чалкасынан жаткан бойдон мелтирей ойго батты: "Гүлжигитке кыйын эле болду го, чынында мен деле жакшы көрүп калганмын, карасаң бир тууган болуп калганыбызды" деп көз кычыктарынан аккан жашы кулагынын кыры менен чачына сиңип андан жаздыкты суулап атты. "Неге менин тагдырым мындай, бир азаптан кутулсам бири пайда болот, ата-энемди таап кубанайын деп турсам сүйүүдөн куржалак калдым, балким эми башка адамды сүйбөстүрмүн, мындай сүйүү келбейт чыгаар" кечке ооналактап жатып уктап кеткен экен, түшүнө апасы кирип атыптыр. Ал аппак көйнөк кийип алыптыр, босогодон бери өтпөй эшикте көпкө чейин Розаны карап туруп анан: "кызым көп ойлоно бербе, сени атайы ата-энеңе жеткирейин деген эле шылтоо болчу, сен сүйүүгө кабыласың, бактылуу болосуң, али сенин келечегиң алдыда, ата-энеңди сыйла, жакын бол, алыстабай жүр" деп коюп көздөн кайым болду. Ошол тушта эшикти бирөөлөр тыкылдатып жаткан экен, чоочуп ойгонгон Роза чындап эле эшикти ача албай жүрөгү дикилдеп туруп калды. Дагы бир ирээт тарсылдатканда:

- Ким? - дегенге жарады.

- Мен эле, Роза ачып койчу? - деген квартирант кыздын үнү угулганда гана илгичтен чыгарып жиберди.

- Аа-а сен белең? - Роза кайра артына бурулуп ордуна келип жатып алып: "Арбак деле билет тура, анда неге ойгоо жүргөндө көзгө көрүнбөйт, эгер азыр келсе коркот белем же кучактап калаар белем?" деп ойлоп башы катты: "Жо-ок, өлгөн адамды өңүндө көрсө бардык эле киши коркот чыгар" деген ойлор менен алпурушуп жатып кайрадан көзү илинди. Бул жолу ал эч нерсени сезбей уктаган экен, тиги эки кыз тамак жасап алып аны ойготуп ийишти.

- Ай Роза, сен түндө уктаган эмесиңби ыя, бизге деле жигит таап берсең боло, өзүң эле гүлдөй жан болуп жүрө бербей.

- Ал менин жигитим эмес, иним, - Роза уйкусу бузулуп, жаткан жерине отуруп алып көздөрүн ушалай айтып муну.

- Апей, жигитиң деп жүрсө, күндө эле жаныңда турганынан? - Эки кыз ишене бербей бирин-бири карады.

- Мен таарынып үйгө барбай жүргөм, күндө келет, акыры үйгө алып барып таарынычымды жазышты, - деп айткан Роза: "жигитим деп айтпаганыма тобоо, кудай бир сактаптыр" деп ойлонуп алды.

- Ай, анда сенин иниңди чабыш керек экен ыя? - тиги кыздар тамашалай каткырды.

- Колуңардан келсе чапкыла, каршылыгым жок, - Роза ордунан туруп ажатканага кирди. Эшикте түн, "тигилер мени келбей калды деп сарсанаа болоор бекен же келет да дешип кайдыгер калаар бекен, байкап көрөйүн" деп ойлоп кыздардын катарына отуруп алып тамактана баштады. Кыздар өтө шайыр тамашакөй эле, кайрадан Розаны тамашалай баштады:

- Мен аны сени жигитиң экен деп ойлогом, мага бир көргөндө эле жагып калган, - деди кара тору, ооздору бөйтөйгөн, көздөрү тептегерек кыз Элиза.

- А менчи, мен деле бир көргөндө жактырып калгам, - Аида да шакылдап жөн турбай, - Сулуу жигит ээ, аты ким? - деди Розаны карап.

- Гүлжигит.

- Ой-иий, аты да укмуш тура, жигиттин гүлү дегендей бар экен.

- Болду эми, көзүңөр тийет, - Роза аларды сумсая карап: "жигитим деп жүрсөм иним болуп калса аргам канча" деп ойлонуп экөөнү тиктеп калды.

- Эми келгенде сөзсүз чабабыз.

- Сөзсүз! - Ал экөөнү караган Роза: "эми биякка келсе чабасыңарбы, келбесе кантесиңер?" дегендей телмире көз алдына Гүлжигитти келтирип жылмайып койду. Аңгыча каалга тарсылдап калды. Элиза чыгып эшикти ачып Гүлжигитти көрүп артына бурулду.

- Роза, иниң келиптир!

- Азыр, - Роза ордунан эшикке жеткенче бир нече ойду ойлоп жиберди: "Өзү эле келдиби же тигилер жибердиби, балким ата-энеси түшүнгөндүр". Босогодо турган Гүлжигит жылмая карап:

- Атамдар чакырып жатат! - деп ары басты, - Кеттик!

Роза үндөбөй анын артынан басып келип машинага отурду.

- Кечирип кой, мен билбестик кылган экенмин, көрсө экөөбүздү бир туугандык сезим жабыштырган тура, мындан ары менин сүйүктүү эжемсиз, - деди рулда келаткан Гүлжигит.

- Эч нерсе эмес, табышуу үчүн да, таанышуу үчүн да бир себеп болот да. Сенин баарын түшүнгөнүңө кубанам. - Роза жадырай жооп берди.

- Чыныда сенин абдан сумсайган мерездигиң болбосо башкача болмок, - деп Гүлжигит ойлуу жолду карап баратып айтты, - Мен сендей эжем менен сыймыктанам!

- Рахмат! - Экөө бат эле жетип келишкенде үйдөн Зымырат чыга калды.

- Ой Роза, садага болоюнум десе, эмнеге келбей калдың, атаң экөөбүз аябай сарсанаа болуп кеттик, биздин мамилебиз жакпай калдыбы деп ойлогонубузчу? - деп Розаны эки бетинен өөп үйгө колтуктай кирди, - Садагам эки көзүмдөн учуп жүрүп зорго таап алсам анан сен кетип калсаң болбойт го, менин жүрөгүмдүн жарасы жаңы эле айыкканы турса, кайрадан ырбатып ала көрбө каралдым.

- Ой, тынчсызданбай эле койбойсуздарбы, мен көнгөн үйүмдө эле жатып алсамбы дегем.

- Кой балам, убагында жалгыз болдуң, эми эч качан сени жалгыз койбой калалы, андан көрө биз менен аралашып көн, өзүңдү чоочун сезбе, сен мына экөөбүздүн эле кызыбызсың, өгөй-кагай эмеспиз балам.

- Ошону айтсаң, апаңдын жамандыгы, ошондо айтып койгондо бөлөк өстүрбөй дароо эле алып келип алмакмын, - Камбар кызынын жанына келип жүзүнөн сүйө, чачынан сылай кучагына кыса отурду, - Мына мен сенин өз эле атаңмын, кичинеңден өстүрүп эркелетпесем да эми сени төбөмө көтөрүп багам, жалгыз кызыбызсың айланайын, - Камбар кызынын көкүлүнөн жыттап койду.

Тамак жасап алып ичпей отурушкан экен, алдыга эми чыныларга куюп алып келди.

- Ато-ов, Роза эжемди кантип жоготуп ийдиңер эле? - Нуржигит эркелей сурап койду.

- Роза эжеңди апаң уурдатып жиберген, эми кайра таап алдык, - Камбар уулунун мурдунан чымчый эркелетип койду, - сен дагы бейбаштык кылсаң уурдап кетет.

- Эмне Роза эжем аябай бейбаш беле?

- Ананчы, абдан тентек болчу, - Зымырат Розага карап көзүн кысып койду.

- Анда мени таап аласыңар да ээ?

- Ок, оозуңа келгир, жөн отуруп тамагыңды ич! - Зымырат аны чоочуй карады, - Азыр жоголгон балдар табылбайт, көчөдө көп жүрбөй эрте келип жүр!

- Ики, балдарды алба-айт, кыздарды алат.

- Болду эми тамак ичели, - Гүлжигит инисин тыя сүйлөдү, - эркелетип койсо чолчоңдоп кетесиң да.

Нуржигит унчукпай оокатын ичип калды. Ортодо андан кийин сөз болбоду. Тамак ичилип бүткөндөн кийин гана Камбар Розаны карай сүйлөдү:

- Кызым, окууң кандай эле, эмдиги жылы окууга киргизип койсом кантет?

- Окуум жакшы эле, аттестатым жалаң беш…

- Оо кокуй анда без проблем окуйсуң, тааныштар толо, бир кызымды окутпасам анда достуктан кечип койбоймбу?

- Көп мактана бербей кайсыга тапшырат, кандай даярдык көрүш керек экенин түшүндүрбөйсүңбү? - Зымырат күйөөсүн жактыра бербей сүйлөдү, - болоор ишти кеңешип чечиш керек, анан сенин досторуң менен баланын иши эмне?

- Койдум кемпир, кызың келгенге сен бизге чоң-чоң сүйлөй баштадың го?

- Ананчы, көпөлөгүмдү көзүмө сүртө албай зорго жүргөндө кудайым минтип берип койбодубу?

- Болду, болду эми, мен кызымды кудай буйруса мединститутка окутам.

- Жок, мен мугалим болгум келет, апам мага менин жолумду жолдоп мугалим болосуң деп көп айтчу, аны унутуп койгонум болбойт.

- Аа-а мейли кызым, мугалимдик кесип дагы абдан жакшы, мына апаң экөөбүз ээрчишип барабыз, ээрчишип келебиз, бирок азыр заман такыр башка кызым, элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол деген убак. Ошон үчүн сени башка окууга тил боюнча котормочулукка киргизейин.

- Макул, өзүм англис тилинен жакшы окугам, эркин окуйм.

- Эң сонун, анда сен дапдаяр экенсиң, документиңди даярдап туруп киргизип койом.

- Ошент, окуп алсын! - Зымырат күйөөсүн коштоду.

Розаны ошол бойдон өз үйүнө жибербей койушту. Ал чынында кудайга ыраазы, бирок такыр ата-апа деп айта албай кыйналып жүрөт. Гүлжигит экөө кээде бир нерсени талашып-тартышып бири-бирин жеңе албай бөлүнүшөт. Экөө абдан ынак. Нуржигит да эжелеп жанынан чыкпайт. Баягы сарсанаа, убайымдан арылып, "жалгызмын, өбөк-жөлөгүм жок" деп арман кылчу Розанын көңүлү ток. Эмдиги жылы күзүндө окуганга даярдыкты эмитен көрө баштады…

***

Арууке атасынын үйүнө бекиткен алтынды кайда алып бараарын билбей башы маң болуп ойлонуп атты: "эми эмне кылам, Кумарбекти болсо өлтүрдүк, эгер мунун жиги билинсе эле мен өлдүм дей бер, кайда алып барып жоготом" деп тынчы кетип баласынын жанында жатып ойу онго бөлүндү. Анан көптөн бери эч нерсе коюлбай калган огородунун четиндеги картошка көмчү ороону эстеп: "түндөп ошол ороого көмөйүн" деп ойлоп жатып уктап кетти. Чоочуп ойгонуп ордунан тура калды, сырт капкараңгы экен, чыккандан коркуп кайра жатып алды. Көзүн жумса эле башынан канжалаган Кумарбектин элеси көз алдына келе чоочуп кетет. Ошол түн ал үчүн тозок болду. Эртеси ата-энеси кудай жалгап бир жакка жөнөдү эртелеп:

- Силер кайда, мен мектепке барат элем, - деди оюнда "эртерээк эле кетсе экен" деп турса дагы.

- Тиги Тобокелдикине барып келели, жамандыр-жакшыдыр теңтуш элек, андан кийин куда болуп калдык эле, эки баланын кадыры үчүн болсо да уулунан кабар бар бекен, сурап койолу, - Тажикан ага табышмактанта айтты.

- Эмнеге бармак элеңер? - Арууке жактыра бербей ичке кирип баратканда:

- Эси жогум десе, деги жашында токтоо эле, башкача болуп өзгөрдү, Кумарбек бир жумадан бери жоголуп атыптыр, баягы Белекти жуткан алтындын азабы да! - деп чыгып кетишти. Алар кетээри менен шашкалактап ороо жакка күрөк ала жүгүрүп жетип эски ороону ача баштады. Араңдан зорго бир четин ачып туруп куржундун ичиндеги алтынды эки бөлүп алып келди да баштык менен ичине салып кайра жаап койду: "тигилер бир жаңсыл болмоюнча муну чыгарып болбойт" деп ойлоп эси оодарыла чарчап үйгө кирип жата кетти: "Кудай сактай гөр, изи билинбей калса экен, балам экөөбүзгө заңгыраган этаж үй сатып алып бөлүнүп кетем, жаштыкты жакшыраак өткөрө албасам бул жарыкчылыкка келгеним кайсы?" деп көпкө жатып анан ордунан туруп үйдү жыйнай баштады. Арууке тердеп-кургап жер казып атканда коңшунун он бир, он экилердеги баласы көрүп турган. Чуңкурга салган эмне экенин билгиси келип кечке ойноп жүрүп да ойлонуп жатты. Ал күнү Тажикан күйөөсү экөөсү экөө кеч келишти. Киргенде эле:

- Бечарам ай, кол баладай, өзүмдүн баламдай эле да, кайсы шүмшүктөр кылды экен, - деп наалып баштады.

- Эмне болуп кетти, кейип-кепчип эле келатасыз, - Арууке билмексен болуп сурады.

- Кумарбекти белгисиз бирөөлөр кармап алып... - деп баштаганда эле Аруукени жүрөгү болк этип: "эгер билинип калса атам мени сотко жеткирбей өлтүрөт" деп ойлоп өңү кумсара түшкөнүн билбей эшикти көздөй чыга жөнөдү. Апасы өзүнчө эле наалып да, кимдир бирөөнү каргап да жатты.

Баласына да карабай кийинип алып кайдадыр чыгып кетти. Шашып-бушуп таксиге отурду да курбусунун үйүнө келсе ал балдары менен отурган экен.

- Сага эмне болду, мынчалык коркуп алыпсың?

- Кумарбекти аябай издеп жатышыптыр, силер баягыларды азырынча эч жерге чыгарбай тургула, кокус бир четин чыгарсак эле таап алчудай, кайнатамдын тааныштары күчтүү, менин балдарым алардын колдорунда, ошон үчүн атамдар барып абалын сурап келишиптир.

- Ой кокуй күн, ушунча да коркосуңбу, мынча болгондо кийин башты өлүмгө байлап коюш керек, Тургунбек аны алда качан эле Москвага алып кеткен, ошол жактан жок кылып келет, андан көрө өзүң этият бол! - деди.

- Мен эч ким көрбөгөн жерге бекитип койдум, кыскасы көмүп таштадым, бир жаңсыл болгондон кийин гана чыгарып, мен дагы Москва жакка алып барып алмаштырам го?

- Ошент, эч нерседен коркпо, шек билгизип койгондон сак бол!

- Мейли, анда мен барайын, - Арууке кайра эле үйүнө жөнөдү. Келсе баласы ыйлап жатыптыр. Тажикан наалып кирди:

- Бу сен эмне деген аял болдуң ыя, кыз экениңде баары жакшы эле, жаман катын кайдан чыгат болуп, бир жерге күлүң додо болбой, эрден эрге тийип же балдарыңа карабай, сендей дагы эне болобу? Күкүк эле болдуң го?!

- Мен эмне кылып атам, баарыңар эле мени күнөөлөйсүңөр… - Арууке тултуңдаган бойдон баласын сооротумуш эте ары карады, - Батыргыңар келбесе балам менен батирге чыгып кетем:

- Кет, кете бер, ата менен эненин кадырын түшүрүп бүттүң, сени ушундай болот деп түк ойлогон эмес элек, - эне кызын жаман көзү менен карап ички үйгө кирип кетти. Арууке аргасы түгөнө баласын жаткырып коюп өзү кийине баштады. Анын оюнда: "квартира таап чыгып кетем, анан көрөсүңөр, мен кандай жашар экенмин. Келишкен үй алып алсам, үйдө жатып алып багам баламды" деп батир издегени чыгып кетип кечке маал келди да кийим-кечесин баласынын кийимин түйүп атты: "Бүгүн бир эле тоголок алтын алып алайын, ошону менен көпкө жашайм, булар кантээр экен" деп кечти күттү. Айлана караңгылыкка чулганган учурда ал абайлай үйдөн чыгып эртең менен бекиткен жерин кайра ачмакка убараланып жатып; "деги көк мээмин да, жана эле бир-эки тай туягын алып койбой" деп өкүнүп жерди шилеп атты. Анын ар бир кыймылын баягы коңшунун баласы дагы карап турду. Анткени ал ошол катылган нерсе эмне экенин билүүгө куштар болуп ачып көргүсү келип, ал дагы бекинип алып эл жатуучу кезди күтүп акмалап турган. Арууке кичине жерин ачып үстүнө койгон тактайды алып колун созсо жетпеди. Ичи чуңкур эле. Акыры бир бутун ичине салып анан башты өйдө каратып алып эптеп эки тай туякты алууга үлгүрдү дагы, үстүн бекитип коюп үйүн көздөй басты. Анын кеткенин көрүп турган он эки, он үчтөрдөгү бала акырын кашаадан ашып түшүп баягы жерди ачып ичке түштү дагы оор ташка окшогон нерсени көрүп: "бул эмне деген таш болду экен, апама көрсөтүп көрөйүн" деди оюнда. Бирок ал оозун бекиткенди унутуп үйүнө шашып кирип барды. Жарыкка киргенде жалтырап кулпурган сапсары ташты көтөрүп кирип барганда төрдө отурган атасы:

- Ээ балам колуңдагы эмне? - деди боолголой карап, бирок ал деле өмүрүндө алтындын өзүн көрбөгөн, тааныбады.

- Ата, муну таап алдым, - бала эдиреңдей атасынын жанына отура кетти, - Бул таш эмне деген таш?

- Кудай уу-ур, ай балам, сен жөн эле кенч тапкансың го? - Сатыбалды ары салдырып, бери салдырып карап жүрөгү өрөпкүп кубанып жатты, - Ой бул илгеркилердин тай туяк алтыны го? - Анын сөзүн уккан аялы ордунан туруп күйөөсүнүн колундагыны ала коюп:

- Ырас эле ай, муну кайдан алып жүрөсүң, илгери мындай алтын үчүн бири-бирин өлтүрүп, казынасын бала-чакасына ыраа көрбөй тоо-ташка көмдүрүп коюп, алтын катылган жерди көргөн адамдарды түгөл кырып коюп, өзү да ошол алтын үчүн өлүшкөн.

- Атасынын көрү, бул да бир кайып каскагынан олжо, мына эми байыйбыз байбиче, муну аз-аздан эритип алып барып өткөрсөк үй да, машина да, мал-жан да болот, - Сатыбалды өзүнчө кубанып атты, - муну кайдан таптыңар деп бирөөлөр сурап калса чоң атамдын казынасынан ушуну бекитип жүрдүм эле деп койом.

- Ата, эгер керек болсо мен дагы алып келем! - бала атасына айтканда анын көзү жайнай түштү:

- Дагы эмне дейт, мындай канчоо?

- Жарым мешок!

- Ой-ууй кемпир, уулуң анык казына тааптыр, тур эч кимге билгизбей түндөп алып келип катып алалы! - деген Сатыбалды ордунан алактай турганда баласы аны жеңден тартты:

- Ата, ал бул эле жерде, мен өзүм эле… - деп сыртка чымын-куюн болуп чыгып кетти.

- Эмне дейт ай бу балаң, бул тай туяк алтындар ушу чөлкөмдө бекен ыя, - Алаңдаган Сатыбалды сыртка чыкса баласынын дайыны жок, - Кайда кирип кетти ыя, деги шумдук болгону калдыбы, дагы бирди алып келсе бүт өмүрүбүзгө жетип, жеткен байга айланбайбызбы?

- Акырын эми, эчтеме көрө элек баштанып делбектейсиң да, мүмкүн тааныбай эле алтын деп атсаң керек да, - аялы бүшүркөй эч нерсеге түшүнбөй күйөөсүнүн колундагыны ала коюп: "тобо-оо, тим эле караңгыда жарк-журк эткенин жаныбар, ырас эле алтын болсо эптеп үй салып, малды көбөйтүп бир укмуш болуп кетет элек, атаң көрү" деп ичинен ойлонуп алды.

- Мени сен айбан деп ойлойсуң го ээ, мен алтын экенине көзүм жеткенинен сүйүнүп атам да, кандайча бул бала таап алды дейм да, мындай нерсе жерде жатпай калсын, - дегиче баласы алигиндей "таштан" эки колуна экиден көтөрүп кирип келди. Ошондо Сатыбалдынын эси ооп кала жаздады; - Эшикти бекиткиле, бирөө жарым көрүп койбосун, мен мындан кооздоп билерик жасап анан өткөрөм, болбосо бул башты жейт, - бир нерсени ойлоно калып баласына бурулду, - Ой тентек, чыныңды айтчы, муну кайсы жерден алдың?

- Бул эле Сайдимураттыкынан, короосунан Арууке эженин көөмп жатканын көргөм, анан барып ачып көрсөм…

- Оозуңдан чыгарба, канча бар дагы?

- Көп эле…

- Атаң көрү-үү, биз минтип зорго өп-чөп болуп жаныбызды багып жүрсөк, булар ошончо алтынды ороого катып жүрөт, - Сатыбалды коңшусуна ичи тарый кетти, - эмнеге эле баары эч нерседен капары жок чердейишет дейм да. Көрсө өзүнчө эле казынасы бар турбайбы?

- Анын эмнесин айтасың, андан көрө ушуларды пулдап алсак тим эле укмуш болуп кетээрбиз, алар сага мунун кырындысын да карматмак эмес, ушул балаңа кудайдын берген насиби, эми көп дардаңдабай акыл менен иш кыл!

- Ананчы байбиче, мунун баарын алпарбай калайын, кайып так бүткөндөй болуп колума бир жолу байлык тийгенде акыл менен иш кылбай анан, - Сатыбалды өзүнчө эле бир кубанычтуу бапылдап атты.

Аттиң адам баласы, бир келген жарыкчылыкта аманат экенин, кармаган буюмуң менен күткөн дүйнө-мүлк дагы ага убактылуу гана берилгенин, бүгүн бар болсоң эртең жок болооруңду сезсең боло! Жок сезбейт, түшүнгүсү да келбейт, анткени көр пендесиң. Дүнүйө-мүлк менен байлыкты өзүңдөн да жогору койосуң пендем, уучуң толо акчага маарып, үйүң толо жансыз дүнүйөгө толуп турганда алдыңа тоодой-таштай кадырлуу адам келсе манчыркайсың, эртеңки күнүң өзүң жылаңач гана кетээриңди ойлобой колунда жок жупуну адамдарды кумурскача көрбөй тебелейсиң. Ооба, бул сенин көрпенделигиң, кылымдан-кылымга өтүп жаткан бул оору, дүнүйө-мүлк үчүн болгон күрөш бул көз тойбогондук, ач көздүк, кыскасы көр пендечилик.

Анын сыңарындай Сатыбалды дагы көзүнө көрүнгөн муштумдай байлыкка көзү тойбой түндөп баарын ташып алгысы келди. Ага аялы болбоду.

- Деги сенин ушундай ач көз экениңди билбепмин, болгонуна топук кылбайлыбы, алдагыга бир короо сатып алсаң болот, жөнчү баланы убара кылбай, эртең эле жоктоп калса, эчтекеге жетпей жүрбөдү беле, ушу кылды баарын деп кармашса балаңды кармап бересиңби?

- Ой койсоңчу, кайдагыны айтпай, анын бетин ары кылсын, дагы эки эле… эки эле тай туяк болсо… - Сатыбалды өзүн жоготуп койгондой алтындарды мыжыга кармап жинди сымал абалга келди, - Ээ кемпир, өмүрү көрбөгөн алтынды көзүм менен көрүп, колум менен кармап жатсам анан… - Койнуна катып отуруп алды, - ырас эле, мен акылымдан адашып калдым.

- Этият болчу ай, баланы кармап калып жүрбөсүн, ушуну аш кылып алалы, - Аялы токтоо сүйлөп күйөөсүн көндүргөнгө аракет кылды.

Ары айтып, бери айтып жатып аялы аны эптеп өз ордуна койду. Көрбөй жүрүп көргөн адамдан түгүл, дегендей Сатыбалды бул табылгага жетине албай өзүн жоготуп барып эс алды. Андан кийин баласын жибербей койду.

Сатыбалды алтынды калай идишке салып күчтүү отко эритип, анан башкача көлөмдө он чакты даана кылып, анан алтын жасаган зергерлерге алып барды. Бир эле тай туякты эритип көөкөр сымал кылып калыпка уютту да огеле көп акча кылып келип, адегенде аялынын акылы менен куран окутканга бир кой сатып алышты. Балдары үйлөнүп-жайланып, кичүүсү колунда эле. Ага арнап үй тургуза турган болушканда улуу баласы таң кала сурап калды:

- Ээ ата, сиз үй тургузам деп атасыз, кайсы акчага, анын үстүнө килолоп ун алып жеп отурсаңар кантип үй саласыңар, же бизге билгизбей катканыңар барбы?

- Балам ай, ар нерсенин өзүнүн жолу бар, уулума буйруса ушундай бир айылда жок үй салдырып берем дейсиң! - атасынын ишенимдүү айтканына улуу уулу ичинен күмөнсүй кетти: "бизди мынчалык жакшы көрчү эмес, каткан акчасы болсо керек", - деп ичтен ойлонуп калды эле, эне баарыга тең эмеспи:

- Балам, эсиңер менен болгула, бул иш оозуңардан чыкпасын, Нурлан бир сумка акча таап келген, ошого үй салып, мал-сал күткүдөй бололу, качанкыга эле бирөөгө суктанып жүрүп өтөбүз, бизде болсо силерге бербей коймок белек, - Саадат шыбырай сүйлөдү, - Аз-аздап иш кылалы, дароо эле күркүрөтүп ийсек бирөө жарым шекшип калышы мүмкүн.

- Айи-ий, жакшы болгон тура! Эч жанга билгизбеш керек, азамат Нурлан, буйругун кара, бул болсо жанагы рэкеттердин, авторитеттердин акчасы, кокус изи билинип калса соо койбойт, - Улуу баласы чоочулай инисин карады, - Кайдан таап жүрөсүң мынча акчаны?

- Кудай буйруп койсо өзү эле алдыңан чыгат да уулум, аны такып эмне кыласың?

- Деги да, кана ата, көрөйүнчү ошол тапкан байлыгыңарды?

- Аярлагыла, бирөө жарым шекшип калбасын, - Сатыбалды бирөө буларды аңдып тургандай сыртты карап шыбырады. Анан ары жактагы жүктүн түбүндө катылып турган кара баштыкты алып бүгүн эле эки тай туяк алтынды алмаштырып келген акчасын ача берди.

- Оо-ой-ий! - уулу оозун баса көздөрүн чоң ачып таң калып турду, - ушунча акча бекен ыя?

- Ооба, бир аз тамак-аш дагы алдык, апаң, иниң үчөөбүз бир сыйрадан жаңылап кийиндик.

- Ата, - уулу бир нерсе айталбай кылчактады, - мага машинага бербейсиңерби, силерди салып алып туугандарды бир кыдырып келейин. - Жамил атасы менен апасын үмүттүү карады, - Мынча акча жок деле жашап жүрбөдүк беле, ансыз деле же жумуш жок, же соода кылганга крупный акча жок кыйналып кеттим.

- Туура уулум, мен сени түшүнүп атам, анда мындай кылалы, сен бир машина мин, коңшу-колоңго уулум иштеп жүрүп машине алыптыр деп мен да баш көтөрүп жүрөйүн.

- Ооба, эч ким билбейт, ата-аңдын көрү, мен дагы бир машина минип калайынчы, - Жамил акчаны көрүп шилекейи чууруй алаканын бири-бирине жанып алды.

Ошентип пулу жок жарды бүлөнүн колуна оңбогондой байлык тийип, бапырап эле калышты. Бир күнү айылда кемпир өлүп ага коңшу-колоң чогулуп батага жөнөштү. Саадат алардын арасында, кийингени кымбат пух жемпир, жоолугу жаңы чыккандан, көйнөгү сүлкүлдөк баркыт, бутуна кычыраган туфли. Кошо бараткан аялдар аны карап бири таңгалса, бири көралбай: "бул байкуш кычырайт ко тим эле, кайдан жетип жүрөт мындай кийимге, ун-талкан сурап эле жүрчү эле" деп аны сынай ичинен күйүп-күйүп тим болушту. Батадан келгенден кийин Тажикан сөз арасында кеп кылып калды:

- Сатыбалдынын аялы тимеле укмуш болуп алыптыр, бир көргөндө тааныбай кала жаздадык, мунун балдары кайда иштейт ыя?

- Кайда иштемек эле, туруктуу жумушу жок эптеп-септеп иштеп жан багып жүрөт да, - Сайдимурат жактырбагандай колун шилтеп койду, - Ушу аялдар дэле укмушсуңар да, кийими жок болсо кемсинтип шылдыңдайсыңар, кийинип алса көрө албайсыңар.

- Көрө албай мен эмне, жөн айтып койдум да, биз менен чогуу баратса байкушту карап өздөрүнчө ооздорун бүйрүп-чүйрүп: "укмуш" дешип таң калып атышты.

- Ошону айтам да, ал байкуштун да төркүн-төзү, эже-сиңдиси бар, ошолор кийгизгендир?

- Таң, алар кийгизсе ушуга чейин көрөт элек, - Тажикан ошол бойдон унчукпай калды. Арууке үч күндөн бери келе элек. Ал баягы алтынын бир таанышы аркылуу айырбаштап эки-үч сыйра кийинип, баласына кийим алып берип, батирине беш айды алдын ала төлөп анан келген. Келген себеби калган алтынды алып барып өткөрмөк, ал зергерлик кылган адам: "эгер болсо дагы алып кел, баасын үч эсе жогору төлөйм" деген эле. Кеч кирсе эптеп анын жарымын алып түндөп жеткирмек болгон. Эптеп ата-энесинин төшөккө жатышын күтүп анан сыртка чыгып үй айлана басып баратып эки жагын карап алды. Негедир кийинки кезде өзүнөн-өзү корко бермей адатка айланды: "Эмнеге коркот элем, эч ким көрө электе алып кайра жаап койом" деп ойлоп жетип үстүндөгү топуракты шилейин деп баратып өзү бекиткендей эмес, ачылгандай болгонун көрүп: "бирөө урдап кетпеди бекен!" деп ойлоп ийди, шашып-бушуп топуракты шилеп туруп тактайды жылдырып коркпостон ичине түшүп эле жүрөгү шуу эте чоочуп алды: "бирөө кирген турбайбы, мен коркуп жүрсө, ким алып кетти?!" деп түбүндө он чактыдай калганын алып чыгып жолго чыкты. Ал түндөп жеткирмек болгон. Бирок: "Мен эмнеге шашам, муну алпарсам акча бергиси келбей, кайра өзүмдү өлтүрүп койсочу?" деп ойлоп баштыкты үйгө көтөрүп кирип баш жагына коюп алды: "Ким алды, эгер милиция аны кармаса сөзсүз айтат, ошондуктан муну дайынсыз жоготуш керек" деген чечимге келди.

Нурлан ата-энеси кубанып: "бул оңор байлык эмес" дешип бир-эки сыйра кийинтип койгондон кийин: "бир эле тогологу ушунча болот тура, мен апамдарга билгизбей ташып бир жерге көмүп каёюн" деп жарымын ташып тамынын артынан жер казып көмүп, анан анын үстүнө белгилеп таш коюп койду.

Мынча байлыкты кармап көрбөгөн, түшүнө кирбеген окуяга өздөрүнчө кубанган үйбүлө кантсе да акыл менен пайдаланууга өттү. Сатыбылдынын иш билгилиги, анча-мынча усталыгы ушундайда пайдасы тийди. Ал устаканада бир зергер адам менен иштешип ошондо күмүш эритип иймек, шакек жасаганды үйрөнүп алган. Ошондуктан ал күнү-түнү устаканасынан чыкпай билерик, сөйкө, шакек жасап эки-үч күндө шаарга барып өткөрүп келип турду. Эки-үч сааттык жол ал үчүн эч кеп эмес эле.

Ал эми Арууке алтындарынын азайып калганына ичинен кейип: "каап, алдырып жибергенимди кара, оңбогондой байлыкты алдырган экенмин, ууру алыстан келбейт" деп ойлонуп, эртеси таң эрте таксиге салып макулдашкан жерге барды. Келсе ал жок экен. Күтүп отуруп: "жана бир-экини үйгө алып койсом болмок, эми деле алып коёюн" деген ойдо баштыгынын оозун ачып эки тай туякты алып сумкасына салып жатканда жанына келген адам:

- Сиз да бул кишини күтүп атасызбы? - деди эле Арууке шашкалактап кетти.

- Ийи, ооба, ооба, келсем жок экен.

- Аа-аа, экөөбүз тең күтөт экенбиз да, - деген чоочун адам жылмая, - Сиз дагы алтын буюм бердиңиз беле?

- Аа-аа жо-жок, жөн эле жумуш бар…

- Мм, - деп койду да туруп калды, - Жөн тургуча таанышып албайлыбы, менин атым Ашымбек, - деди кайра бурула колун суна. Арууке эмне кылаар айласын таппай турган эле: "бул милициядан болуп калса канттим, балким атайы чакырып койгондур". Чоочун адамдын сунган колун көрүп шашып кол берди:

- Арууке.

- Оо, атыңыз сонун ат экен, мындай сулуу келиндин күйөөсү да сулуу, акылдуу жана да бактылуу болсо керек, ээ карындаш?

- Ошондой го?

- Күйөөңүз кайда иштейт? - деп сурап жатканда күткөн адамы келип экөө тең учурашып калды. Арууке сыртта калып калды. Тигилер өздөрүнчө сүйлөшкөн болуп анан тиги кеткенден кийин зергер адам Аруукени ээрчитип кирди. Ал баштыкты ала койом деп оордугунан эси оой: "кудай мындайды бербеспи, бул көп болсо беш жүз миң берсем ыраазы болчудай, бул жерде баасы жок байлык жатат, граммдап жасаганда мен дүнүйө боюнча бай болуп кетем да" деп ойлоп:

- Кызым, бул товарың чынында таза алтын экен, мен сага булар үчүн беш жүз миң берем, сен көп болсо беш миң, алты миңге үй алып аласың, укмуштай жашасаң болот! - деди.

- Аке, бул оңор алтын эмес, жок дегенде дагы жүз миң кошуңуз, бул жердеги буюмдун баасы жок экенин билем, бирок сиз менен сатуулашпай эле коёюн, алты жүз миң кылыңыз!

- Ээ кызым, бул беш жүз миңди дагы мен сурап келип отурам, берсең ошол, бербесең ошол. Азыр өзүң билесиң, мындай акча кармаган киши жок, баары арзан, бул акчага он үйдү сатып алып ичин толтурсаң болот, эмне мынча эле майдаланып жатасың, аял менен соодалашкандын ушунусу жаман да, - деп наалый кетти.

- Анда жок дегенде бирөөнү алып алайын, балдарыма кийин пайдасы тийип калаар… - Арууке ичи ачышып жок жерден бирөөнүн кынына сугарылган байлыктын арзан кетип атканына ыраазы болбой турду.

- Жок, болбойт кызым, болбосо мындай алтын эч кимде жок, милицияга билдирип койсом өзүң билесиң эмне кылаарын, - дегенде Арууке:

- Кызыксыз го, мен эмне уурдап же казына таап алды дейсиңби, бул укумдан-тукумга ата-бабаларыбыздан калган экен, ошонун акыркысын өткөрүп жатам, өзүм жалгыз кызмын, атам өлөөрүндө таштап кетти эле… - деп ыңгайсыздана чыгып баратып, - Мейли эми, сизге да мага да буйрусун! - деди.

- Ошентпейт белең бая эле, - деген зергер ууртунан жылмайып кала берди: "эми муну иги-жиги жок бекитип четинен гана пулдай берсем болот" деп кыңылдап коюп кайра-кайра чанда табылчу нак алтынды кармалап отуруп анан ишине киришти.

Арууке ошол күнү керээли кечке өзүнө жаккыдай үй издеди, купулуна толгон үй табылбады, суй жыгыла жаздап: "эптеп каникул бүткөнчө кирип алсам болот эле, анан иштей берет элем" деп кечке жуук келсе баласынын эти ысытмалап ооруп апасын кыйнап ыйлап аткан экен.

- Кайда жүрөсүң ой кыз, деги куураган неме болдуң го, күндө кетесиң таң атпай, аягы суюк аялдардай үйгө байыр албай калдың, - деп жиндене урушуп кирди.

- Мен эмне ойноп жүрүптүрмүнбү? - апасынын колунан баласын алды.

- Анан эмне кылып жүрөсүң ыя, таңдан кечке, деги сенин ушундайыңдан уруп согот да Төлөгөн, ушул кебетең менен күлүң бир жерге додо болбойт, жашыңда сүйөт эркектер, күйөм-сүйөм деп өпкө жүрөгүн чабат, анан жашың өткөндө эч ким карабай темселеп каласың, ошондо мына бул балдар керек, сени ушулар карайт, - деп ачууланды.

- Апа, жөндөн-жөн эле уруша бересизби, мен ойноп жүргөн жокмун, квартира издеп жүрөм, балам экөөбүз өзүбүзчө жашаганга, а то силерге жаман көрүнүп бүттүм.

- Көргөн-уккандар эмне дешет ыя? - Тажикан кызын ачуулана карап делдейди, - Ээн-эркин болгуң келип калганбы, бая күнү эле таап алдым деп келбедиңби беле?

- Силер айылда, мен шаарда болом, шаардагы мектептерден иштеп алам, силерге оорчулугум тийбейт, эми түшүндүңүзбү?

- Ооба, кыйраткансып "түшүндүңүзбү?" деп койот, - деп унчукпай калып анан, - Ой тиги Сатыбалдынын баласы кечээ түнү эски ороонун жанында туруптур, эмне кылып атасың десем, "сиздердикине атам жиберген", деп кайра үндөбөй басып кетти, ал ороодо эчтеме жок болсо аны эмне айланчыктайт ботом, эртеси карасам аны тырмалап ачканы жаткан го?

- Кайсы баласы?

- Кичүүсү?

- Ийи, жүрсө жүргөндүр да, - Арууке ошенткен менен ичинен: "шүмшүк, ошолор алып бекер табылган олжого оңуп калган тура, сени шашпа, буларды аңдып колго түшүрбөсөм элеби" деп жинденип алды. Чынында милицияга алтын жөнүндө билдирип ич арадан тымызын изилдеп атышкан. Арууке өз оюн ишке ашырмакка, өзүнүн коркпой эркин жүрүшүнө жол издеп дал ушу Сатыбалдынын үйбүлөсүн кармап бермей болду. Уулу баласы эч жерде иштебей эле машина минип, үйлөрүнө дүнүйөнү жыйа баштаганына коңшу-колоңдору таң кала баштаган эле.

Бир күнү ал апасына:

- Апа дейм, Кумарбектин тирүүлөй жоголуп кеткенине мен ушу Сатыбалдынын баласын күнөөлүүдөй сезип атам, карачы өмүрү жарыбаган немелер үй-жайын оңдоп, баласы машина минип калыптыр.

- Эми ботом, баласы иштеп таап алгандыр да, бирок ушу кезде мен деген чоңдор гана минген машина экен, чын эле буларды бир иш бар, - Тажикан ойлонуп калды. Бирок Арууке барып айта албады: "кокус баласы 'мен короосунан алганмын' десе канттим" деп жүрөксүнүп койду. Ошентип ал үчүнчү күнү беш миң сомго Фрунзеден Турусбеков көчөсүнөн өзүнө ылайыктуу короосу бар, жакшы салынган үй сатып алды. Эч нерсе билгизбей апасы берген жууркан-төшөктү алып көчүп келип алды. Эч нерсе менен иши жок баласын эркелетип отуруп: "эми эле үйдү толтуруп алсам шекшип калышы мүмкүн, койо турайын" деп эригип отуруп телевизор алууну чечти: "эмне болмок эле, бир телевизор менен проигрыватель алып алайын" деп эртеси эрте дүкөндөргө жөнөдү. Чоң телевизор алды да такси менен алып келип алды. Акырындап күз келип жаңы окуу жылы башталды. Арууке мектептерге ишке орношоюн десе баласын багаар киши жок, эптеп бала бакчага тапшырып анан иштей баштады. Анын үй алганын эч ким билбейт, батирде жашап жатам деп койчу. Бир күнү ал кайнене-кайнатасыныкына барып уул-кызын көрүп келүүнү ойлоду. Ал келип короодон баш багып эле ойноп жүргөн эки баласын көрүп:

- Керимбек! - деп үн салганда алар делдээ карап туруп калышты, - Кел уулум, келе кой! Кундуз!

- Аный барбайм, сизди биз тааныбайбыз, - деп ары көздөй жүгүрүп үйгө кирип кетишти. Арууке эмне кылаарын билбей көпкө туруп анан: "кирсемби, кирбей эле койсомбу, булар мени такыр карабай калышкан го, мен жөнүндө жаман сөз айта берип балдарды менден жат кылып коюшкан экен" деп дагы эле кайната-кайненесине, Кумарбекке жини келип алды да, кайра эле өңү бозоро түштү: "мейли карабаса койсун, акыры түшүнөт, өгөй энеси барбы же кетип калды бекен, билип алсам болбойт беле" деп бир аз кыңырыла туруп калды да: "кокус кайнатам же кайненем чыгып калса эмне дейм" деген ойдо алардын жүзүн кароодон батына албай артына бурулуп кете берди. Ооба, жүзү жарык болсо кирип ал-жай сурашып, балдарын өөп-жыттап анан кетпейт беле, өзүнүн күнөөсүн барынан бети чыдабай дагы эле аларга күнөө коюп ыйлап баратты: "Мен эмнеге мындай жаралдым экен, жөн эле жүрсөм болбойт беле?" деп эч кимге билгизбей эчкирип алды да жолун андан ары улады. Кетип баратып жаштуу көздөрүн аарчый күзгүгө каранып алды. Ошол кезде анын алдынан бирге окуган курсташы жолугуп калды.

- Ой кандайсың Арууке, иштер жакшыбы, ден-соолук, бала-чака, - колун силкилдете көздөрүнө тигилди ал, - дале баягыдай супсулуу бойдон экенсиң, күйөөң жакшы чыккан окшойт?

- Кудайга шүгүр, баары жайында, өзүң кандайсың?

- Ойдогудай, бирок азыр бойдоктуктун доорун сүрүп атам, жүр чайлашалы!

- Жак Акмат, мен шашып бараттым эле, дагы жолугаарбыз.

- Жок болбойт, азыр эле чайлашабыз, эч кайда барбайт экенсиң да, же күйөөңдөн коркуп атасыңбы?

- Эмнеге коркмок элем, өзүм шашып кетип аттым эле.

- Койсоңчу, кыз кезиңде профессордун баласына тийип кетип жалдыратып таштап кеттиң эле, эми бир эле саатка дидарлашсак болбойбу?

- Экөөбүздү башкалар көрүп калса эмне болот ыя, сени го эркек дейт, а менчи, мен ушакка кабылып жүрбөйүн, - Арууке калп эле аксынып жүргөн менен ичинен: "эмне экен барса барып көрбөйүнбү, кандай сыйлаар экен" деп кыйылып туруп калды.

- Ой кокуй күн оой, бизди ким эле карап туруптур, жөн эле кыйшактай бербей жүр кеттик, аялдар бир кызык жансыңар да, - деп колтуктай ары басты. Экөө жакшы ашканага кирип жай алышты, бакылдаган Акмат толгон тамак-ашка заказ берип аны менен кошо винону алдырды.

- Акмат, винону ким ичет, менин жаш балам бар, апам ал ыйласа кыйналып калат го?

- Эч нерсе болбойт, кудай сактасын, бат эле турабыз, мынча болду шашпай отура тур эми.

- Эртерээк туралы ээ, сенин көңүлүңдү кыялбай эле… - Арууке наздана көздөрүн ага карап жалжылдатып койгондо Акмат анын көз карашына чыдай албай кетти окшойт:

- Жаным ий, ушу сени жолуктурган кудайга миң мертебе ыраазымын, бүгүн бир студенттик кезди эстешип отуралы, - Акмат алынын жетишинче Аруукени сыйлап винодон куюп, - Кел эми жолугушканыбыз үчүн алып койолу! - деди.

- Болуптур, бир гана жолу ээ Акмат, башка кыйнабайсың, менин колумда жаш балам бар, атам менен апам урушат! - деди Арууке.

Экөө бирден алып ийишип закускадан жеп анан өткөн күндөрдөн кеп козгоп отурушту. Баятан бери "албайм" деп аткан Арууке вино ичине киргенден кийин ачылып сүйлөп, каткыра күлүп калды. Бир топ отурушкандан кийин ал жерден чыгып коштошуп эки жакка бөлүнөөрдө Акмат анын үйүнүн дарегин алып калды. Виного башы айланып, эки бети кызара түшкөн Арууке эми чындап сыр төгө баштаганда кокусунан күйөөсү чыга калды. Ал үч-төртөө болуп келе жаткан. Жанындагылар ары көздөй басып кетишти эле, Төлөгөн Аруукени көрүп басып келди:

- Сен кайдан, колу-жолуң бош болуп эле жыргап калгансың го? - Какшык аралаштыра сурап кыжынгандай сүр көрсөттү.

- Төлөгөн, сен эмне деп жатасың, менин колу-жолумду алда качан эле өзүң бошотуп койбодуң беле? - Арууке андан калып калбай жаакташа кетти, - мени менен ишиң болбосун, уктуңбу?

- Энеңди жалап, ушундайыңды билгенмин, баланы бергин мага, өзүм багып алам.

- Баланы берчү мен эмес, билгениңди кыл! - Арууке басып кетээрде Төлөгөн аны колдон ала токтотуп туруп жаактан ары чаап жиберди.

- Жинди, алкаш, мен сага көрсөтпөсөм элеби? - Арууке ысып чыккан бетин баса ыйлап ийгенде Акмат Төлөгөндүн колун кармай калды. Анткени ал дагы чапмак болуп келаткан эле.

- Эй сен кимсиң, бул менин аялым, уруп өлтүрсөм да өзүм билем! - деген Төлөгөн аны оңурая карады.

- Мен адамын, көрбөй турасыңбы, катынды үйдө урат, сенчилеп көчөдө урбайт! - Акмат анын колун силкип жиберди, - Эркек деген эркектигин көчөдө, коомдук жайларда эмес, үйдө көрсөтөт, билдиңби?

- А сен ошондой эле кыйынсыңбы? - деген Төлөгөн Акматты дагы бир коймок болгондо ал аны ары түртүп койду:

- Сендейлерге колумду булгагым келбейт, эркек болсоң ээн жерге барып сынашабыз, макулсуңбу?

- Эмнеге, макул элемин, качпайт экенмин да, кана каякка?

- Жүр, тиги жерде машина турат.

- Кеттик.

Арууке алардын мушташынын арты эмне менен бүтөөрүн билбей коркуп кетти:

- Акмат, кечирип кой, сен бара бер, муну менен өзүм сүйлөшөм, - деп күйөөсүнүн колунан тартып ары жөнөйүн дегенде ал булкунуп чыгып Акматты көздөй басты:

- Энеңди жалап, мени ушунун, ойношуңдун алдында кемсинткиң бар го ээ, мен эркекче сүйлөшүп койом керек болсо!

- Акмак, элдин баарын өзүңдөй ойлойсуң, өлүп кет маа десе! - Арууке: "бириң өлүп бириң кал" дегендей басып кетти. Анын эмелеги биртике ичкени ирим болуп кайда кеткенин сезбей да калды. Акмат тигини машинасына отургузганда аны менен бирге келаткан бири аларга келип:

- Ээ дос эмне болуп кетти, катының сени тоотпой калган го? - деп бакылдап кирди, - Эми буга тийгени жатыптырбы?

- Эмне деп жатасың эй, оозуңа карап сүйлө, деги адам сындуу айбандардан айрымаңар барбы?

- Ийи, сүйлөшүп койобуз, бул биздин дос, таландыга таштабайбыз! - деди тиги.

- Досторуң менен каласыңбы же эркекче сүйлөшөсүңбү? - Акмат жини келе Төлөгөндү карады, - Болбосо убактымды алба?!

- Ушерден эле сүйлөшөлү, кана эмне дейсиң? - Төлөгөн жанындагы досуна карап; - Силер тура тургула, мен азыр барам, - деди эле ал Төлөгөнгө колун созо акыл үйрөтүп койот:

- Эй жакшылап сүйлөшүп кой, бирөөнүн катыны менен жүргөн кандай болоорун эсинен чыгарбай жүрсүн! - Муну уккан Акмат ачуусу менен түшө калып тигини желкеден тартып кекиртегине колун матыра:

- Эмне былжырап атасың, оозуңду талкалай койойунбу ыя? - дегенде көкмөк болуп тигил:

- Ж…ж…жок ту-уган, болду, болду, - дегенге зорго жарады. Аны койо берди да кайра машинасына отуруп:

- Сүйлө, Арууке сенин аялың болобу? - деди.

- Ооба, эми билдиңби?

- Кыйшактабай жөн сүйлө, ал менин курсташым эле, мен анын башка күйөөсүн билчүмүн, аны менен ажырашып кетти беле?

- Оой алда качан ажырашкан, эми мени менен дагы ажырашканы жатат.

- Эмнеге?

- Кайдан билем, сулуунуку кургабайт дегендей ага четинен чыга берет экен да.

- Сен аны кармап алдың беле?

- Жок, биринчи жолу сени менен көрүп жатам.

- Эмне, төшөктөн көрдүңбү?

- Акыры болмок да! - Төлөгөн ага ушинткенде Акмат анын кекиртегине акырын колун узатып кармап туруп:

- Катынга ишенбесең катыны жок жүр, ушу сөзүң үчүн Аруукеге мен эми үйлөнөм, ал мага күйөөм күтүп атат деп шашып аткан, көрсө чочкодой болгон сага кор болгон тура, байкуш! - деп кайра койо берди эле ал кызарып-татарып тим болду.

- Айтаарың барбы?

- Жок, мен жаңылыпмын, чын эле кармап алганым жок, кызгана берем.

- Обу жок кызгансаң катынсыз өтөсүң да.

- Ошондой болот окшойт... Болуптур тууган, кадырына жете алсаң Арууке сеники, мен эми ага басып да барбайм, бала чоңойсо таап келет да - деп кычы сүйлөп түшүп бараткан Төлөгөндү Акмат желкесинен кармап тартып алды да колтук тушка сокту эле "ык" дей түштү.

- Дагы эмне дегиң келип турат?

- Эчтеке…

- Анда жөнө, экинчи алдыман чыкчу болбо!

- Сөз жок! - Төлөгөн түшүп кетти. Акмат машинасын айдап Арууке берген даректи көздөй жөнөдү. Акмат келгенде Арууке жок экен, бир аз күтүп туруп короонун сыртында турганда баласын көтөрүп келип калды. Акматты көрүп ыңгайсыздана:

- Бул жакка эмнеге келдиң Акмат, тиги жинди үйгө барып атамдардан сураса алар айтып койот, ансыз да кызуу экен, келип калса урушуп жүрбөгүлө, - деди.

- Арууке, атыңа затың жарашып чынында аруу жансың, мен сени күйөөң айткандай ойлобойм, бирок күйөөң сени абдан жакшы көрөт окшойт, кызгануу сүйүүдөн улам келип чыгат эмеспи, сүйбөсө мынчалык кызганбайт эле?

- Сүйбөсө койсунчу, тажадым ай деги баарынан, сүйүүдөн да, жашоодон да… - Арууке эшикти ачты да, - Үйгө кир дебесем да болбойт, эри жок аялдын үйүнө чоочун эркек кирсе да болбойт, - деп тамашалай үйгө жол баштады.

- Арууке, Кумарбек менен качан ажыраштың эле?

- Көп болду… - Арууке мелтирей калды: "аттиң, ошондо өзүмдүн тагдырымды өзүм талкалап алган турбайымбы, көрсө бактымды көтөрө алган эмес экенмин" деп ойлонуп калганда Акмат:

- Кызык, мен сени дагы эле ошону менен жашап жүрөт деп ойлогом, тигини көрүп аябай таң калбадымбы.

- Ошондой, жашоого экинчи жолу келбесиңди билсең кайталангыс өмүрдү өкүнбөстөн өткөрүүгө аракет кылат элек го?

- Эч нерсе эмес Арууке, жашоонун өйдө-ылдыйына, ысык суугуна чыдай билиш керек, менин сага келгеним бир гана суроо?

- Эмне… - Арууке түшүнбөй кайра сурады, - Эмнени түшүнбөй калдың дагы? - дасторкон жайып атып маңыроо карады.

- Мен түшүнбөгөн эч нерсе жок, андан көрө айтчы, мунуң менен закондуу түрдө ажыраштың беле?

- Жок, ажыраша элекпиз, баса бергениме бир жылдай болуп калды, келет-кетет, мен такыр жолукпай койгом, бүгүн беттешип калбадыкпы.

- Эмесе мындай, мен сага үйлөнөм, элчилеп сени сүйөм-күйөм дегенден алысмын, бирок студент кезде эле жакшы көрчүмүн, демек убакыт келди, - Акмат Аруукенин колунан кармап жүзүнөн өөп, - сени эч убакта кор кылбайм? - деди шар эле.

- Акмат, тамашаңды койчу, мен күйөөдөн тажадым, эми калган өмүрүмдү баламды тарбиялоо менен өткөрөйүн.

- Антип өзүңдү менден алыстатпа Арууке, ырас көңүл калуу жаман, жүрөк үшүткөн жаман сөздөрдү угуудан ким тажабасын, менин аялым ажаан болчу, сегиз жыл жашап төрөбөгөнүнөн ажырашканбыз, мына отуздан ашып калсам да балалуу боло элекмин, сенчилеп бойтойгон баланын үнүн угузуп койсо ажаандыгына карабай жашай бермекмин…

- Акмат, сен мени түшүнсөң боло, кайра-кайра күйөөдөн чыгып, күйөөгө тийгениме ата-энем да жаман көрүп жатышат.

- Баса, Кумарбек жакшы эле жигит эле, аны менен кандайча ажырашып кеттиңер эле?

- Ой болбогон себеп, өзүмдөн кетти, адам баласы барды да, жокту да көтөрө албай кетет тура! - Арууке ойлуу отуруп Акматты күлө карады, - тим эле чекисттей жүрөт экенсиң, сырымды айттырып ала турган болдуң го?

- Айтсаң, эмнеге ажыраштыңар?

- Айттым го, менден кетти, кыскасы кайненемдер, күйөөм эч нерсе дешкен жок, бирок мага Кумарбектин сүйүүсү жоктой сезилип эле туруп алды, ал таңдан кечке кагаздан баш көтөрбөй отуруп алат, кээде түндөп жазат, ошого жиним келип эле баса бергем.

- Ал эми тагдыр да, болоор иш болуптур. Арууке, мен азыр үйгө кеттим, сен эмки жумага чейин ойлон, мен сөзсүз сага үйлөнөм! - Акмат туруп баратып аны имере кучактап өөп коюп чыгып кетти.

Арууке эмне кылаарын билбей турган ордунда катты… Баласы чыргоолонуп түнү менен ыйлап чыкканга жумушуна барбай эле телефон чалып койду. Кечке дары берип жылуулап үйдө болду. Басса-турса Акматты ойлоно берип башы ооруду: "Кызык, мен эмне болуп баратам деги, отузга чыгып-чыкпай үч күйөөгө чыксам, анан да Кумарбек тууралуу билинип калсачы, ошондо не болот, ата-энем менден кечип эле койот го, тиги Сатыбалдынын баласын карабайсыңбы, жөндөн жөн эле байлыкка туйтунуп, тим эле көбүн алып коюшуптур, алар кантип пайдаланып жатышты экен, кайда өткөрүп атышат?" деп ойлонуп кеч киргизди. Баласы дары таасир бердиби, көөшүп уйкуга кирди. Эми үч күн баласы менен алек болуп үйүнө барбаганга апасы телефон чалып келип кет деп калды. Кеч кирип калгандыктан эртең барам деп телефонду коюп койду. Жатып алып ойлонуп атты: "Кайсыл күнү айыбым ачылып калаар экен, эки баламдын да жүзүн карай албайм го, эмитен мага көңүл салбаган немелер атасын өлтүргөнгө себепчи экенимди билсе "эне" деп атамак турсун ойлоп да койбойт го, ай кудай ай, бирок Кумарбекти мен өлтүргөн жокмун да, ал мени таанып койбодубу, ошон үчүн Турганбек аны өлтүрүп койду" деп эзиле берди. Эртеси телефон чалган мектептин директору: "Иште же арызыңды жаз, мугалим жетишпей балдар бош калып атат" деди эле Арууке ага жини келип: "иштебесе иштебей койом, сен берген биртке айлыгыңа жалдырагыдай акыбалда эмесмин" деп, баласын көтөрө барды да арыз жазып таштап койду. Ошол бойдой жумушка чыкпады. "Эптеп издөөдө колго түшпөй иш жабылып, унутулуп калса, эркин жүрүп калат элем" деп ойлоп тамак-ашты толтура алып келип алып үйүндө жата берди. Апасынын "келип кет" дегенине болбоду. Арууке күндүзү уктап жаткан. Кумарбек аны кубалап, бирок жетпей эле колун созуп жатканда чоочуп ойгонду. Жүрөгү лакылдап сыртына чыгып кетчүдөй болуп кара терге түшүп калыптыр. Туруп отурду: "бул эмнеси ыя, мага кол созгону мени алып кетем дегениби, ай кудай ай, башынан аккан кан дале жүрөт, кудай ай кечире көр, күнөөмдү кеч" деп шыбырап көпкө отурду. Таң атып калыптыр, эрте туруп бир чыныга суудан куюп башынан тегеретип төгүп: "көргөн жаман түшүм ушуну менен кетсин" деп чыныны босогого көмкөрүп коюп үйгө кирип кетти. Арадан бир жума өткөндө Акмат кирип келди. Анын жанында апасы, эжеси, карындашы да бар эле. Арууке адегенде таңыркай карап алды да:

- Келиңиздер… - деп сыпайы гана учурашып коюп төрдү көздөй колун жаңсады, - Өтүңүздөр!

- Арууке, бул киши менин апам, бул эжем, ал эми мунусу болсо карындашым, ийри отуруп түз чечишкени келдик, - деп апасын карады.

Арууке эч нерсе уккусу жоктугун билдирип дасторкон жайып, чай коюуга аракеттенип жүрдү: "Жинди го ушул, күйөөмдөн биротоло ажырай элек болсом, анан мунун не кылганы, эми шерменде болдумбу", деп ойлонуп зыңгырап отуруп чай куя баштаганда Акматтын апасы:

- Кызым, чырайың келишкен жан экенсиң, уулум мени жайыма койбой ээрчитип келди кагылайын, экөөң тил табышып бала-бакыралуу болуп жашап кетсеңер арман жок эле, уулума жагып калыпсың садага, эми биз сенден жооп күтөбүз, - деди чыныдагы чайдан ууртай.

- Эне, мен Акматты студент кезде көрүп жүрчүмүн, андай деле мамилебиз жок эле, кечээ жакында кокусунан жолугуп калдык, андан башка сөздүн кереги барбы, мен эки күйөөгө тийгенмин, үч балам бар, Акмат балдары жок бай келиндерден издегени туура го?

- Арууке, мен сенден башканы албайм, сен болосуң!

- Кызык, менин толук ажыраша электигимди билесиң, билип туруп улуу кишилерди убара кылганың кантип болсун?

- Арууке айланайын, адамдын көңүлү түшүп калса кайт кылганың болбойт, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө чык" деген сөз бар. Балдарыңа ата болот, өзүңө тирек болот, ойлон садага, мен сени кыстабайм, суранам: "жаш кезде күйөө келет, карыганда аңдыган ажал келет" деген кеп бар, мен да карып-арып сапарым чукулдап баратат, ушул баламдын чүрпөсүн жыттап, жүзүнөн сүйсөм жакшы болот эле…

- Мени кыйнабаңыздар, мен деле бала эмесмин, отуздан ооп калганда кайдагы жаштык эне, балдарым бар.

- Балдардан кам санаба, мен татыктуу ата болуп берем.

- Олда балам ай, эне түйшүгүн тартып, баланын келечеги үчүн кам көрүү эненин бирден бир милдети, мен эчтеке дей албайм, өзүңөр чечишкиле. Аруукеники деле туура, бир жаңсыл болбой туруп ак же көк дей албайт го?

Акмат көгөрүп кетпей отуруп алды. Арууке: "Төлөгөн деле адегенде ушинтип ак эткенден так этип жүрүп кийин эле өнөрү чыгып кетпеди беле, деги ишенсе болоор бекен, баары бир ушул бойдон өтпөйм, кадырымды билер жан болсо баш кошууга туура келет, ата-энем да мени жаман көрүп бүтүштү, ага-эжелерим анда-санда көрүшкөнгө сыйбыз, эми канттим?" деп ойлуу отуруп калды.

Акыры бир чечимге келип Акматка макул болууга ниеттенип калганда Төлөгөн өзү ажырашууга арыз жазган экен. Экөө тең беттешкенде эле ажырашууга макул экендерин билдирип эки айдын ичинде ажырашып тынышты. Ошондон кийин гана Арууке менен Акмат баш кошуп алышты. Сайдимурат менен Тажикан жини келип ага каттабай жүрүштү. Акыры эне-ата баладан кечмек беле, бир күнү босогосун аттады..

Сатыбалдынын үйбүлөсү болуп көрбөгөндөй байып кетти. Баягы жерге каткан алтынды бир күнү Нурлан кеч киргенде атасына дагы алып берейин деп ойлоп жер чукулап жатканда Жамил келатып эле аны аңдып калды. Бир кезде ал жерди түздөп койуп үйгө кирип кеткенде баягы жерди казып алтынды көрдү да шашып-бушуп үч-төртөөнү алып кайра көмүп салып үйүнө кирбей эле аялы экөө жашаган батирге сызып жөнөдү. Ата-энесине кеткен Жамилдин тез эле келип калганын көргөн аялы Гүлнур аны таң кала карады:

- Эмне тынччылыкпы, тез эле келип калдың го?

- Эч нерсе, укмушту азыр көрөсүң, - деп шаша костюмуна ороп алган буюмун алаңдай үйгө кирип жарыкка алып кирип эле: - көрчү, бул эмне экенин билесиңби? - деди аялын кубанычтуу карап.

- Бул эмне экен? - Гүлнур мындай нерсени көрбөгөнгө бир токтоо салмактуу таштай оор нерсени кармалап туруп, - Алтынбы? - деди күйөөсүнө ишенбегендей карап.

- Дал ошонун өзү, деги биздин үйбүлөгө кудайым берген экен, бул биздин ырыскыбыз, - деп кудуңдаган Жамил ар кайсыны ойлоп асманда калкый баштады: "Кудай буйруса буларды өткөрүп Гүлнурдун оозуна тиш салдырып берейин, өзүмө дагы тиш салдырып, бала-чакам менен батирде тыгылбай үй сатып алалы, анан жашоонун ырахатын көрүп чалкалай жатып жыргайын" деп ойлонуп алды да, - Гүлнур, атамдарга айтпа мейлиби, айтсаң иш чатагына айланат, - деди.

- Макул, ушу чын эле алтын болсо эртең экөөбүз барабыз да, шакек менен цепочка алып берчи, сөйкөм да жок, тигил аяштарыбыздын оозунда, колунда, кулагында тагынган сөйкөлөрүн көрүп өзүмчө корунуп жүрөм, булардан ээритип алсак болобу, таза алтындан тиш салдырса жакшы болот дейт.

- Гүкүш, мен дагы ошону ойлоп атам, экөөбүз тең тиш салдырып, балдарды бир-эки сыйра кийинтип бир жыргайлы, анан үй албасак болбойт го?

- Сөзсүз үй алыш керек!

- Бул оңор байлык эмес, атамдар кайдан тапканын билбейм, Нурландын каткан жерин көрүп калып алып алдым да үйгө кирбей баса бердим.

- Көп бекен?

- Дагы бир топ бар го?

- Ай-ийи, жакшы эле албайт белең анан?

- Аларда болсо бизден кайда качмак эле, андан көрө муну эртең эле өткөрө алабызбы?

- Ой жанагы алтын саткандардан сурайбыз, граммы канча экенин сурап алып анан көрсөтөбүз.

- Ошентиш керек, антпесе арзан алып койот, - деген экөө түн бир оокумга чейин ойлору менен байып кубанычтары койнуна батпай эртеңки бапыраган акча колдоруна тийээрин элестетип уктап кетишти.

Адам пендем ай, эртеңкисинен жалаң жакшылыкты күтүп башына кандай күн түшөөрүн сезбеген момунсуң да, кээде болоор болбос кыйынчылыкка чыдай албай бири-бириңди сатып ийгенге устасың. Жамилди дал ушундай кырсык аңдып жүргөн эле. Эртеси ал машинасы менен аялы экөө шаарга келип алтынды кайда алмаштыраарын билбей тиш доктурга кайрылып сураганга киришти. Орто жашаган адам аларды кабыл алды. Ал келээрки клиент катары кабыл алып:

- Келгиле, кана кандай жумуш? - деди.

- Аке, биз… - Гүлнур тиш доктурду карап бир нерсени айталбай кайра күйөөсүнө бурулду.

- Аке, сиз алтын тиш саласыз да? - Жамил жакындай келип сурады.

- Ооба, ооба, саламын, заказ берсеңер баары болот.

- Канчадан саласыз, и баса, алтындын граммы канча болот?

- Эми… эми тишти сексен сомдон салам, жакшы салам, граммын биз өзүбүз кымбат алабыз.

- Сизге алтын көрсөтөлү дегенбиз, кайда алаарын билбейт экенбиз… - Жамил босогону бир карап уурусу кармалып калчудай өзүнчө эле чочулап атты.

- Кана алтының? - Тиш доктур кызыга карап калды.

- Мына көрсөңүз, нак илгерки алтындан.

- Охо-оо, муну кайдан алгансыңар? - Бекбоол көргөн көзүнө ишенбей таңгала карады, - Менде бир клиент бар, а мен мынча алтын алгандай каражатым жок.

- Ал ала алабы? - Жамил эми эле колуна көк-жашыл сомдор тийип кала тургандай кубана карады.

- Силер дарегиңерди айтып кеткиле, мен ээрчитип барам, ал өзү эле ордунан алып кетет, - деди да бир тогологун колуна алып беш жүз сомго бересиңби бирин? - деди.

- Мейли аке алыңыз! - Гүлнур сүйүнүп кетти. Ал кезде рубль менен беш жүз деген акча чоң акча болчу. Бекбоол аны ары коюп акчасын берип жөнөттү да: "Дароо Тобокелге телефон чалайын, ал бечара убайым тартып зорго жүрөт, дал ушундай көлөмдө деген эле, жаңылган жокмунбу, кокус жаңылып калып бирөөнүн убалына калбайын, өзүн сатып алуучу кылып ээрчитип келейин, дагы болуш керек, көп дебеди беле?" деп ары-бери басты. Ойлонуп отуруп анан үйүнө эле барууну чечти. Кечке маал милициядан да гражданча кийинтип ээрчитип алмай болду. Бул Бекбоол Тобокел менен жакшы мамиледе катташып жүргөн досторунан эле. Кумарбек иги-тиги жок жоголгондон кийин дос-туугандары, иштешкендери чогулуп анан абалын сураганы барганда айткан. Тобокел милицияга да жашыруун издөө салып изилдетип жүргөн. Арадан андан бери алты жыл өтсө да ың-жыңы жок сууп да бараткан эле… Ошол эле күнү Бекбоол Тобокелдин үйүнө кеч күүгүмдө барды. Анын келгенинен бир жакшы кабар укчудай болуп кубанып кетти:

- Оо кел досум, мындай кеч келчү эмес элең, жакшы кабарың барбы? - деди.

Тобокел коляскада отурган экен, аны көргөн Бекбоол чоочуп кетти; анын оозу да кыйшая, бир кол, бир буту кыймылга келбей калган эле.

- Ой, сага эмне болду?

- Ээ досум, кан басымым көтөрүлүп өзүмдү билбей жыгылган экемин, дагы жакшы мээге кан куюлуп кетпептир. Үч ай болду, ушинтип отурам. - Ушул кезде Барчынай кирип келди:

- Келгиле, жакшысыңарбы?

- Жакшы, жакшы аяш, бу Төкөмөн кабар албай уят болгон экенмин, эми дарыланып жакшы болуп кетесиң. Баса, мен келгеним, бир иничек таптым, ошого экөөбүз барып келели дедим эле.

- Кандай иничек? - Тобокелдин жүрөгү булкуп алды, - Бир эле изи чыкса калганы өзүн-өзү сууруп чыгат эле. Аттиң, Кумашымды кандай гана пенде чыркыратты экен ээ? - көз кычыктарынан жаш кылгыра колдору билинээр билинбес калтырай үн катты Тобокел.

- Токе, антип кейий бербе, өзүңдү кармасаң, кан басымың дагы көтөрүлүп кетпесин, - Бекбоол чоочуй карады.

- Кантем анан Баке, колум менен ак кепиндеп көмсөм да башка кеп эле, ооруп же бир кокустап өз колумдан өлсө да арман жок эле…

- Кантебиз Токе, бешенеге ушуну жазган тура, Белегим жаш кетти, Кумашым… - Барчынай да ый бууган тамагын "ык" деп алып буулугуп ыйлап ийгиси келип турду.

- Койгула эми, мына бул ишти тездетели, бүгүн сөзсүз барышыбыз керек, бир милицияны алып алалы, ал гражданча кийинип алсын, - деди Бекбоол өзүн ыңгайсыз сезе бул өксүк жандардын көңүлүн канткенде жубатаарын билбей сөздү башкага буруп.

Алар кеңешип алышып шаар четиндеги айылга жөнөштү. Тобокелди машинага отургузуп алышты. Машина үйдүн жанына келип токтогондо Жамил чыга калды. Ошондо үй ээси кошо чыгып карап туруп калды.

- Сизби алтын сата турган? - Тобокел аны сынай карап сурады.

Жамил эч нерседен капары жок: "Бул кинодогудай машинадан түшпөй туруп сураганына караганда бандиттердин ана башы го, а кокус жөн эле тартып алсачы" деп ойлонуп алды да:

- Ооба.. - деди бош.

- Алып чыкчы көрөйүн, чыныгы алтынбы же?

- Азыр… - Жамил үйүнө кирип баштыкта аярлап салып койгон тай туяктардан төртөөнү көргөзгөндө Тобокел: "Мм" деп өзүнчө ичтен онтоп алды:

- Дагы канча бар?

- Башка жок, болгону ушул.

- Бул үй өзүңдүкүбү?

- Жок, батирде турам.

- Жүр, акчасын үйдөн берем, мен мынчалык баалуу экенин билбеген экенмин, мындай алтын азыр жок, а сен кандайча ээси болуп калдың?

- Аа-аа, мен… мен… - Жамил мукактана жооп бере албай калды.

- Мейли, кыскасы буюмуң баалуу экен, өзүң батирде турсаң, жакшылап төлөп берейин, - дегенде Жамил: "булар үчөө экен, мени ээн талаага алып барып өлтүрүп койбос бекен?" деп бир азга кыйылып туруп анан тиш доктурдун отурганынан шекшибей машинага түштү. Зуулдата бараткан шофёр эч нерсе сурабай эле аларды Фрунзедеги кылмышкерлерди кармоочу жайга айдап келип токтотту. Адегенде Жамил эч нерсени байкабай эле машинадан түшүп тигилер менен басып баратып тык токтой калды: "бул жер милициякана го?" деп жүрөгү солк эте элеңдей тигилерди карап кетенчиктей калганда милициянын майору Зыпар Жанболотов:

- Эмне, коркуп кеттиңби? - деп желкесинен кармай алдыга түртө өз бөлмөсүнө алып кирди, - Сен жакшылап бул алтынды кайдан, кантип тапканыңды жаз, чындыкты гана, бир эле калпты кошсоң кесилип кетесиң! - деди алдына калем-кагаз берип. Жамил эмнени жазаарын билбей көпкө отура берди; "Атамдарды да сурашат да, эми эмнени жазам" деп ойлонуп айласы кетип турганда Зыпар:

- Болбойсуңбу, болгонун болгондой жаз! - деп столду катуу муштаганда селт дей түштү Жамил.

- Эмнени, эмне деп жазам? - көздөрү алаңдаган Жамил майорду жалооруй тиктеди.

- Сен алтынды кайдан алдың?

- Мен… мен таап алгам, түндөсү бирөөнүн жер казып жатканын карап туруп ал кеткенде кийин ачып көрсөм ушул экен.

- Калп, адам өлтүрүп алгансың, айт ошону, кимдер бар дагы сени менен!

- Жок аке, мен эч кандай киши өлтүргөн эмесин!

- Сени менен акыйлашкыдай убактым жок, эртеңкиге чейин ойлон да, толугу менен айтасың! - деген Зыпар аны камерага камап койду.

Арууке бул кезде: "кудай буйруса билинбей калды, арадан алты жыл өтүп кетти" деп көңүлү тынып, каткан акчаларына үй эмеректерин алып өзүнчө эле жыргап жүргөн эле. Акмат менен жашагандан бери толуп, бир кыз бир уулду удаа төрөп алган. Акмат аны айткандай эле балалуу болгондон кийин иштетпей да көзүн карап турат. Аруукенин ата-энесине да жагып, алар күйөө баланы сыйлап калышты. Кичинекей үч айлык кызын эмизип отурган Аруукени телефондун шыңгырашы орунан тургузду. Ала койсо Тажикан экен:

- Арууке, тез келип кал! - деди үрөйүн учура. "Эмне болуп кетти?" деген ойдо ооруп аткан атасынан чоочуп:

- Балдарды караганга эч ким жок, үчөө менен кантип бармак элем, Акмат жумуштан келгенде барайын, - деди эле Тажикан ыйлап алгандай үнүн чыгара:

- Азыр биз барабыз! - деп телефонду коюп койду. Көпкө чейин "тү-үт, тү-үт" деген телефондун үнүн кулагына тыңшаган бойдон селейген Арууке: "Эмнеге келет, кимдер менен келет, биз дегени кимдер?" деген ойдо тура берди. Ал ошентип эсин жыя албай дел болуп отурганда сыртка машина келип токтоп, андан эки милиция менен апасынын түшкөнүн көргөн Аруукенин жүрөгү оозуна тыгыла калды: "Ай кудай ай" дегенче үйгө кирип келишти. Алар кирип келгенде Аруукенин өңү чүпүрөктөй болуп бозоруп эсин жоготуп баратты. Эсине келсе ооруканада экен. Анын эсине келишин күтүп Акмат, Тажикан анан атайын милициядан отурушкан экен. Көзүн ачкан Аруукени алып бөлүмгө барып суракка алууга аракет кылганда врач:

- Мунун жүрөгү начар экен, бекер өлтүрүп аласыңар, кичине абалы оңолсун, анан деле сурайсыңар, - деди өз оюн айтып.

- Канча күндө оңолот абалы?

- Үч күндө жакшы болуп калат.

- Анда мейли, сизге ишенем, эч кайда чыкпасын, - деген милиционер врачтын кабинетине кирип телефон чалды.

- Алоо, Зыпар Жанболотович, врач Арууке Сайдимуратовнанын абалы өтө эле начар, үч күн дарылансын, анан сурай берсеңер болот дейт, эмне кылайын?

- Жанынан карыш чыкпай көзөмөлгө алгын!

- Жарайт, жолдош майор! - деп жооп берген милиция кызматкери Аруукенин бөлмөсүнүн сыртынан карап ары-бери басып туруп сыртка чыгып кетти: "кайда кетмек эле, аял киши качпайт деле" деген ойдо эле. Эки күн жаткан Арууке өзүн жакшы сезип оңоло баштаганда: "Мени атам өлтүрөт, анын жүзүн кантип карайм" деп көзүн жумган бойдон өлүк немедей былк этпей жата берди. Эмчегине сүт толуп ооруп атты. Анан анын оюна бир жакшы ой келип кубангандай жылмайууга аракеттенди. Чынында эле анын жүрөгү өтө начарлап кеткен эле: "Мени бир подвалга алып барып кимдир бирөөлөр аябай кыйнап алтын жөнүндө сурашты, дейм. Мен "эч нерсе билбейм" дегенден башка эч нерсе айтпайм" деп айтам", - деп ойлоно берип кайра эле жүрөгү кармап, врачтар ары-бери жүгүрүп укол салып тынчытып, анын көп ойлонууга болбосун айткан менен кантип ойлонбой коймок эле. Эсине келип кичине эс алса эле ойлор басып кыйнала берди. Анан ден-соолугуна байланыштуу суракты убактылуу токтотуп турушту.

Жамил токмок жеп азап чеккенде тобокел деп баары-жогун толугу менен айтып берген. Зыпар эки милиция менен анын атасынын үйүнүн артындагыны алып, андан Сайдимураттардын үйүнө келип Нурлан көрсөткөн жерди карап эч нерсе таппаган соң, Нурлан аларга чындыгын айтып Аруукеге келишкен эле. Бирок Арууке жөнүндө майор Тобокелдерге айта элек. Анткени аныктала элек, эч нерсе далилдене элек. Мындайда өтө кылдаттык менен иш алып барып ишине так жүргөн Зыпар: "Демек, бул Аруукенин колунан келген экен, тигил бала бул ишти жасаган эмес, анын жүзүнөн билинип турат, ал күнөөсүз" деп ойлоп врачка өзү жолугуп анын сөзүн угуп жакшы болуп калган келинди бөлүмгө алып келди. Акматтын айласы куруду, үч айлык кызын карап үйдө: "Тобо-оо, Аруукенин колунан ушул иш келди бекен, кантип, бирөөлөр атайы тукурган окшойт" деп ойлонуп атты. Бирок Арууке өзү ойлогондой ар кайсыны айтып актанмак болгон менен баары бир анте албады. Чындыгын айтып берди. Сурак узакка созулбады. Аныкталган соң подвалга барып ал жерден качыраган гана сөөктөрдү табышты. Ал жерде жашаган адамдар кээ-кээде жаш жигит көрүнүп адамдардын тынчын алганын айтып жатышты. Ошондо гана Тобокел менен Барчынай алты жылдан соң түңүлүп-түңүлбөй кирип келчүдөй болгон Кумарбектен чындап ажыраганын билип күнү-түнү боздогонуна Сайдимурат менен Тажикан чыдай албай кошо жүрүштү. Бир кезде достугун куда болуу менен аяктаган эки адам азыр таптакыр башка эле… "Аруукени алып бербегенде мындай болбойт беле" деп өксүгөн Тобокел үшкүрүгү таш жарып кан басымы көтөрүлүп кагыраган сөөктөрдү акка оротуп жатып өзүн жоготуп кайра-кайра врачтардын көзөмөлүндө болуп жатты. Барчынайдын абалы андан да оор болду. Асел менен агасы андан бетер көздөрүнүн жашын төгүп Кумарбек жаңы гана өлгөндөй ызуу-чуу болуп сөөктү аруулап жууп мүрзөгө коюшту. Сайдимурат кызынын кылыгына ичинен жини келип атты: "кудай урган кыз, ушу кыздын мага кылганы өттү, менин андай кызым жок, өлгөндүн бири" деп сотуна апасы экөө тең барышпады. Акмат эки баласына Аруукенин баласын кошуп карындашынын кызына бактырып ошол үйдө калды. Сот Аруукени он эки жылга кесип жиберди. Ал жалгыз өзү мойнуна алды да тагдырына баш ийип темир тордун ары жагына кете берди. Эне эмеспи, Тажикан ага барып жолугуп келип атты. Тобокелдин абалы өтө оорлоп ого бетер сүйлөбөй калды. Жалдырап отурганы отурган. Сайдимурат анын абалына боору ооруп эки небересинин кадыры үчүн барып кой союп куран окутуп келди. Ошондо Тобокел ага оң колуна кагаз берүүнү сурана белги берди эле Барчынай кагаз калем алып келди эле ал: "Кечтим, Аруукени балдардын көөнү үчүн бошотконго арыз бердим, доом жок, өлөөр бала өлдү, бул балдарды өзү колуна алсын", деген сөз жазып Сайдимураттын колуна берди. Тажикан анын колунан өөп:

- Асыл адам элең, биз аны куткар деп келгенибиз жок, өз кылган күнөөсүн өз мойну менен көтөрсүн, ушунун айынан бет караша албай калдык, - деп ыйлап ийди. Тобокел башын чайкады.

- Ыраазымын, сендей асылзаада досумдун алдында мени баш көтөргүс кылган ошол кыз курусун, түрмөдө чирисин! - Сайдимурат да ага чын дили менен оюн айтып көпкө отурушту.

Айткандай эле соттолгондон кийин он күн өтпөй Тобокелдин арызы каралып Аруукени чыгарышты. Бирок мыйзам алдында анын жоопкерчилигин эске алып шарттуу түрдө үй түрмөгө кесип үч жылга чейин эч жакка чыкпоосун эскертти. Аруукенин өңү купкуу болуп жүрөгү кармай берип абалы өтө оор эле. Акмат аны өзү алып келип врачка көрсөтүп карап атты. Ата-энеси карагандан карайып кызын келип көрбөдү. Ансайын Арууке санаа тартып көп сөз сүйлөбөй төшөктө жатты. Келгенден Акмат андан эч нерсе сурабады, ансыз да ооруп турган жүрөгүн кыйнабайын деген эле ал. Балдарынын апалап жанынан чыкпай ыйлап-сыктап сагынып калганы, Акматтын жылуу мамилеси, врачтын берген уколдору аны аз-аздап оңой баштады. Анын абалы оор экенин уккан Тобокел менен Барчынай каргаарын же коргоорун билбей Аселге кошуп Керимбек менен Кундузду жибермек болду эле ага Керимбек каршы болду. Ошондо ал он бешке келип калган эле.

- Мага андай эненин кереги жок!

- Кой садага, биз карып-арып калдык, атаң болсо абалы бул, көзүбүз өтүп кетсе караан кылаарсыңар, - деди эле Барчынайды кучактап алып ыйлаган бала:

- Апа, менин кулагыма ошонун атын угузбаңызчы, чоң атамдын ушул абалга келишине, атамдын өлүшүнө себепкер болгон аялды кантип апа деп айтам, көзүм көрбөсүнчү!

- Мейлиң балам, туура кылган жоксуң, кантсе да өз энең эмеспи, балага энеден ыйык эч нерсе жок, ак сүттүн эмгенсиң, - деп Барчынай зээни кейий башынан жыттап каңырыгы түтөп кетти. Баланын ичинде: "дал ошондой адамдай болуп өлсүн, сөөгү көмүлбөй калсын, бизге андай эненин кереги жок" деп улутунуп алды. Кундузду да жибербей койду. Айласы кеткен Барчынай аны көндүрө албай убараланып, айтканынан майнап чыкпасына көзү жетип үндөбөй калды. Ал абышкасы экөө эки баласынан кийин менти тайып баратканын сезип: "көзүбүздүн тирүүсүндө өз энесине байырлап калса болот эле", деген оюу тескери чыкканына кейип-кепчип атты.

Акмат Арууке оңолгондон кийин дагы эч нерсе дебеди, эч нерсе болбогондой эле мамиле жасап:

- Арууке, өзүңдү кара, ден-соолугуңду жакшылап албасаң болбойт, көп ойлоно бербе, - деп тамак-ашты күчтүүлөп, кээде диета менен берип чебелектейт. Кичинекей кызы торолуп калды, эмчек эмбей калганга упчуну көрсө эле кошомат кылып күлүп ээрчип калат. Акырындап Арууке өзү кирип-чыгып сакая баштады. Ата-энесинин келбегенине ичи ачышып өзү барып келгиси келген менен баштагыдай сүзө качып кирип бара албады. Уяты, күнөөсү бетине чиркөө болду. Уят өлүмдөн катуу деп өлүп алгысы келди, бирок жанында мотураңдап ойноп турган балдарын кыя албай: "ансыз да эки баламды жетим кылып, өзүмдөн жат кылып алганым жетишээр, эми ушул үчөөнү томсортпойун, Акмат минтип көзүмдү карап турса, мен эми ушулар үчүн жашашым керек, жасаган күнөөм үчүн кудайдан кечирим сурайын" деп өзүн колго алып ойлобоого аракет кылып жашай баштады. Убакыттын өтүшү баарын жай-жайына коюп баары унутулат беле, капысынан атасы алтымыш беш жашында өлүп, андан көп узабай эле апасы да кете берди. Өлүк үстүнө чыркырап ыйлап барган Аруукени ага-инилери, эжеси беттен алып урушуп:

- Бул экөөнүн өлүмүнө сен гана күнөөлүсүң, ушундан көрө өлүп калбайт белең, канча кишинин өлүмүнө себепкер болдуң - кет, сен булардын тажиясына катышууга акың жок, биз сени алда качан катардан чийип салганбыз, - дешип үйгө киргизбей койгондо ботодой боздоп агасынын бутун кучактап кечирим сурады. Ага болбой аны чыгарып салышты эле чогулган элдин ичинен аксакал адам калыстыгын айтып:

- Балдарым, минткениңер болбойт, ар бир адам жазмыштан качып кутула албайт, ар нерсеге бир нерсе себепкер болот, ошентип адам дүйнөдөн өтүп турат, ата-энесинин акыркы зыйнатына катышсын! - деди эле унчукпай калышты. Бирок ошол күнү ыйлап отуруп эси ооп жатып калды. Аялдар эшикке алып чыгып эс алдырмакка бетине суу сээп убараланып атканда Акмат тез жардам чакырып ооруканага алып кетти. Ошондо Акмат кайнага-кайнежелерине нааразы болду: "акмак немелер экен, элдин көзүнчө ошенткенин кара, байкуш эми балдарым менен менин бактыма аман болсо экен" деп жанында отурду. Үч күн дөөрүп жатып төртүнчү күнү көзүн ачып эле:

- Мен кайдамын? - деди.

- Акырын, тынч жат, сен ооруканадасың, - Акмат чачын сылай жайгарды.

- Ай кудай ай, мен дагы өлбөй калдымбы, менин жаным мынча эмне бекем, ай жаным ай! - көзүнүн кычыктарынан жашы сарыгып жаздыкка сиңип атты.

- Антпечи Арууке, балдарың менен мени ойлосоң боло, балдар үйдө сени качан келет дешип кайра-кайра сурап жатышат, сен эми биз үчүн жашашың керек, - Акмат саксайып калган чачтарын жыйнап чекесин басып көрүп анан бетинен өөп койду, - Бизди коркутпачы жаным, үч бала менен мен жаман болуп кетем го, оорубачы.

- Ушундан көрө эч нерседен капарсыз эле караңгы дүйнөгө кете берсем болмок, шорум көп экен го, тирүүнүн өлүгү болуп өмүр бою жашап өткөнүмдө табаарым кайсы эле?

- Кой алтыным, бул күндөр дагы өтөт, баары унутулат. - Арууке күйөөсүнүн үч бала дегенинен дагы жүрөгү зырп этип алды. Ал үчөөнүн улуусу Төлөгөндүн баласы эмеспи, өз баласындай карап отурганына ыраазы болуп кетти: "байкушум десе, сендей адамдын кадырына жете аламбы же ушинтип ооруканалап жүрүп азабымды тарттырамбы?" деп мелтирей жатып калды. Ошол бойдон бир айга жатып жакшы болуп үйүнө келди. Акмат кудайы өткөрүп аялына аяр мамиле кылып саксактап ооруп калбасын деп турчу болду. Кээде гана эжеси менен ага-инисин ойлоп: "болду, бири-бирибизди тирүүдө сыйлаша албай калдык" деп ичинен сызып алат. Бара-бара унутулуп жакшы болуп балдарына үйрүлүп түшүп жатып кабагы бүркөлө калса Акмат:

- Сага капа болууга жарабайт жаным, менин жалгыз башымды үч-төрт кылып бердиң, бизди да ойло, - деп соорото кетет.

- Кантейин Акмат, сага ыраазымын, кыйын кезде мага сен гана жөлөк болдуң, Эмирланды өзүңдүн балаңдай караганыңа ырахмат.

- Койсоңчу алтыным, мен Эмирланды өз баламдан да артыгыраак көрөм, ак жолтой, май көтөн бала мен үчүн, мына бул күчүктөрдү ээрчитип келбедиби, кантип ошо наристени өгөйлөйм, кудайды карачы Арууке, экинчи мындайды айтпай жүр!

- Койдум Акмат, койдум, мени кечирип кой, ар кайсыны ойлойм экенсиң да.

- Эч кабатыр болбо, - Акмат Аруукени кучактап өөп койду, - андан көрө өзүңдү кара.

Арууке ушу бүгүнкү жашоосуна, Акматтын адамгерчилигине ыраазы. Күн өткөн сайын ооруганы азайып абдан сакайып калды. Мектепке да иштебей калды. Акмат аны колунан келишинче сыйлап, балдарына айланып-кагылып, бактылуу жар болуп, ичинен турмушуна ыраазы. Ошол кезде Арууке Тобокелдин дүйнөдөн өткөнүн угуп кантип бараарын билбей кыйналды. Бети чыдап бара албады. Балдарын ойлогону менен аларга жүздөшүү ага оор болду: "Кантейин, аман болсо болду, акыры кечирээр" деп улутунуп алат. Ал өз уулунун жүрөгүндө кек сакталып калганын кайдан билсин, уул-кызын ойлоп жаштыгында ойноп-күлөм деп азап тартып арыктап өңүнө чыга албай калды.

Билинбей күн артынан күн өтүп дагы жети жыл өтүп кетти. Балдары чоңоюп, түйшүктөн арылганы менен көлөкөдөй ээрчиген сарсанаа убайым аны жаркылдатып күлдүрө койгон жок. Керимбек мектепти бүтүп окууга тапшырып: "Атамдын бүтүрө албай калган эмгектерин улантам" дегенин угуп жүрөгү зырп этип сайгылашып алды: "Кем акыл жаным ай, баланы төрөп, энедей мээрим төгө албай тирүүлөй өлүк болгончо жаралбай калсам эмне" деп ойлоп мите курттай жеген санаадан арылбай сүлдөрү эле калды.

Керимбек университетке кирип окуй баштаган. Бир күнү китепканада отуруп каршысында татынакай кыздын китеп окуп атканын көрүп: "сулуу кыз экен" деп улам көзүн албай карай берди. Ал карап калса көздөрү чагылыша түшүп көздөрүн ала качып китеп тиктей калат. Акыры ал кыз ордунан туруп кеткенин байкабай да калыптыр, эки жагын элеңдей таппай калып үйүнө жөнөдү. Үйүнө келгенден кийин дагы бейтааныш кыздын жалжылдаган көздөрүн көз алдына келтирип жылмайып алды: "кайсы окуу жайда окуйт болду экен?" деп ойлонуп, балалык кыялында бейтааныш сулуу кыз менен кубалашып ойноп гүл жайнаган ээн талаада жүрдү. Улам-улам карай берип көз алдында калган кыз элеси кытыгылап уктатпай атты. Ошентип уйкусу качып түйшөлүп атып таңга маал гана көзү илинди.

Эртеси эрте ойгонуп сабагына жөнөп ал жерден элеңдеп бейтааныш кыздын элесин издей берип таппай анан кирип сабакка катышып жаткан менен лекция окуган мугалимдин сөзү кулагына кирген жок. Анан сабак бүтөөрү менен дикилдей китепканага жөнөдү. Келсе аерде дагы жок. Айласы түгөнүп: "келип калаар, бүгүн сөзсүз жолугуп таанышам" деп ойлоп отуруп карай салса кыз отурат. Ордунан атып турган Керимбек:

- Отурсам болобу? - деди кызды жылмая карап.

- Отура бериңиз, - кыз бир карап коюп анан кайра китепке үңүлдү.

- Чоң кыз, кайда окуйсуң?

- Университеттин чет тил бөлүмүндө.

- Оо, анда чогуу эле окуйт турбайбызбы, мен филология бөлүмүндө окуйм. Анда таанышып алалы, курсташ турбайбызбы, менин атым Керимбек, - ал колун сунду.

- Роза. - Кыз колун сунуп турган жигитти кайдыгер бир карап коюп кайра деле китеп бетин карап отуруп алды. Керимбек китеп окууга көңүлү келбей өзүн ыңгайсыз сезип турса да:

- Роза, сыртка чыгып сейилдеп келбейлиби, - дегенде Роза аны эми гана көрүп тургандай:

- Эмне дейсиз? - деди кабагын чытый.

- Кечирип кой, бир аз кененирээк басып келсекпи дегем…

- Жок баралбайм, мен окушум керек, капа болбоңуз.

- Макул анда, жакшы кал, эртеңге чейин! - Керимбек чыгып баратып артына кылчайып караса кыз өзүн узата карап турган экен, көзүн андан тартып алды. Ошондон тартып Керимбек окууну эмес Розаны ойлоп таң атырып, күн кечирчү болду. Экөө күндө китепканадан жолугуп учурашып бир аз сүйлөшкөн болушат, анан эле өз өзүнчө кетишет. Розанын ага көңүл бураар түрү жок, Керимбек ан сайын ичи бышып өзүнчө туталанат: "Эмнеге ал мени менен бир баскысы келбейт, же мен ага жакпаймбы, мени теңсиңбей аткан го?" - деп ойлосо жанын койорго жер таппайт. Керимбекти атасынын бирге иштешкендери сабак берип калганда ага көп насаат айтып колдоп калышат. Розаны жолуктургандан бери анын окуюн деген ниети жок болуп ойлонуп эч нерсеге көңүлү жок.

Анын окууга көңүлү жок, жакшы билбей калган учурларда: "кайран бала, кыйын жигит эле, баласы өзүн тарткан эмес экен" дешип арбак үчүн аны сүйөөлөп жүрдү. Бир күнү Керимбек китепканага шашып кирип келатса алдынан Роза карп-курп чыга калды. Чынында Керимбек китепканага аны көрүү үчүн гана келе жаткан болчу. Экөө аз жерден дагы сүзүшүп ала жаздады, ошондо Роза токтой калып оозун колу менен калкалай бырс этип күлүп алды.

- Кандай Роза, - шашкалактаган Керимбектин оозуна ушул келди, - Кайда жүрөсүң көрүнбөй?

- Ушул эле жердемин, эмне болду?

- Аа-аа жөн эле, өзүм сени көрө элекмин го ээ?

- Ошондой го?

- Сабак бүттүбү? - Керимбек Роза менен катарлаша басты, - бүгүн настроениең жакшы окшойт, күлгөнүңө караганда? - Керимбек Розанын сөзгө келгенине кубана китепканага кирбей эле кайра аны менен катар басып баратты:

- Роза, мен бир сунуш айтайын, кандай дейсиң?

- Адегенде айтып көрүңүз, анан көрөйүн.

- Мындан ары дос болуп жүрөлүчү?

- Дос болуудан качпайм.

- Рахмат… - Керимбек андан ары эмне деп сүйлөөрүн билбей үнсүз улам кызды карап коюп кете берди. Кыздын бою шыңга, жүзү апаппак болуп, артына бир өрүм кылып таштап койгон чачы өзүнө жарашып турганына суктанып алды. Анткени ушул кезде кыздардын артынан караган кишиге эркектей көрүнүп кырккан чачтары желкесинен ашпайт: "Кандай татынакай кыз, чачын да кыркпаптыр" деп ойлоп ийди да Розаны карап ал өзүн караса жолду карай сүрдөп кетет.

- Сиз эмнеге китепканага кирбей эле кетип атасыз?

- Аа-аа, - Керимбек: "сага жолугуу үчүн келгем" деп айтып ийе жаздап токтотту, - Үйдөн окуп алам го?

- Мм, эмне бирөөгө жолугуу үчүн келдиңизби? - Роза жигитти көз кыйыгы менен карап: "кыз алдында бүжүрөп байкуш болгондор кийин өнөрү чыгат дечү эле, демек мунун да өнөрү болуш керек" - деп ойлоп аста карап коюп кете берди.

- Жок, жо-ок, Роза билесиңби, мен сени көргөн күндөн баштап такыр эле унута албай койдум…

- Аа-аа, анда сиз сүйүп калган жоксузбу? - деди Роза дароо эле күлө карап, - Анткени жигиттер кыздарга ошентип тийишет го адегенде эле?

- Эмне, сага жигиттер ошентип көп айтышабы? - Керимбек кызды кимдир бирөөлөрдөн кызгангандай карады.

- Деги угушумда ошондой болот экен го?

- Мен сени антип айтпайм го, бирок…

- Бирок дегениңизди кандай түшүнсө болот?

- Деги эле оюмдан кетпейсиз, окууга да көңүлүм келбей, ойлонгонум эле сиз болуп туруп алдыңыз.

- Боло берет… - Көпкө чейин унчугушпай кете беришти.

- Мындан ары жолукканда менден качпачы ээ?

- Болуптур, - Роза ушул жерге келгенде токтоду да, - мен үйгө кетишим керек, эртеңге чейин! - деп колун сунду. Керимбек аргасыз колун суна коштошту:

- Жакшы барыңыз!

- Сиз дагы.

Экөө эки жакка бөлүндү, ушу саам экөө тең артын кылчак-кылчак карап бара жатышты. Ошондон кийин Керимбек өзүнчө өрөпкүп ички сезимин кубаныч байлап: "мен аны чын эле сүйөм, сүйүп калдым!" деп көңүлдүү боло баштады. Баштагыдай сабагын даярдагандан эринбей, кайра күнү-түнү окуй баштады. Роза ата-энесинин камкордугуна бөлөнүп кадимкидей көнө түштү. Бактылуу үйбүлө Суусарканды көп эстеп куран окуп турушат. Роза башы оор, шарактап көңүл ачканды сүйбөгөн кыз. Камбар кызынын салмактуу болуп акыл-эси жакшы өскөнүнө ичи жылып: "байкуш өзү да ушундай жакшы адам эле, кызды өзүндөй тарбиялаптыр, бала баккан энени тартат деген да туура экен, эми ушул кызым бактылуу болсо экен" деп ичинен ойлонуп жакшы жерге күйөөгө берүүнү ойлоп жүрдү. Зымырат экөө дагы Розанын келечеги жөнүндө көп кеңешишет.

- Жалгыз кызыбыз бактылуу болсо экен, жаштык кылып бир ойдо жок тагдырга туш болбой кудай жолун ачып, өксүбөй жашаса болду эле?

- Ал бирөөнү сүйүп калса экөөбүз эмне кыла алабыз, өзүнө жакса айла жок да?

- Койсоңчу, кайдагыны айтпай, ал азыр жаш, сүйүүгө али эрте, - Зымырат чоочуп кетти.

- Сен мени сүйгөндө канчада элең? - Камбар аялын жылмая карап сырдуу мулуңдады.

- Ой койсоңчу, качанкыны эстетпей, - Зымырат кылыктана күйөөсүн карап койду, азыркы учурга чейин анын сулуулугу өчө элек, балпайып толгонго ого бетер ажарлуу да, сүйкүмдүү да көрүнчү.

- Койбой этпей эле, Роза азыр студент, чоңойду, ким кепил боло алат, аны сүйүүгө кабылбайт деп?

- Ырас эле, кудай өзүң сактай көр, сүйсө дагы бизге жага турган, ата-энеси менен чайлаша турган жакшы жердин баласы менен сүйлөшсө болот эле…

- Аа-аа кемпир, көңүл арзуусу чындап келсе адамдын каалаганындай болмок кайда, кызың көзүнүн жашын көлдөтүп турса экөөбүздүн колубуздан эмне келмек, аргасыз макул болууга туура келет да.

- Ээ кудай, ошондон сактаса экен, - Зымырат үшкүрүнүп алды.

- Мына мени ойлосоң, ата-энемди каратып туруп, алган аялымдын көңүлүн суута баса бербедим беле, мына жашоо, тагдыр… - Камбар ойлуу отуруп калды.

- Эмне, өкүнүп жүрөсүңбү?

- Ой жиндим десе, дагы да жаш кезиңдеги сөзүңдү айтып атканың, өкүнсөм жашайт белем ушунча жыл?

- Деги да, ойлонуп калганыңдын айтам да?

- Өкүнбөйм, кызыңды да ошентип бир күнү менин жолумду кайталабаса экен деген ойдо отурбаймынбы?

- Кудай сактасын, - Жубайлар ушул учурда өздөрү басып өткөн өмүрүн көз алдыларына келтире өз ойлору менен алышып отуруп калды. Ооба, жашоонун сыры дал ошондой, бирде бороон-чапкын болуп кабылганды учуруп кетчүдөй чамынып, бирде кирген суудай ала салып аңга-дөңгө карабай агызып чегине жеткен жерден жээкке сүрүп таштап, бирде бурганактап жааган кардай, дагы бирде нөшөрлөп жааган жамгырдай ашып-ташып турган жаштыктын учурунда көзгө эч нерсе көрүнбөй, беттегениңден кайтпай максатыңды ишке ашырууга гана далбастайсың! Алдыда кандай тагдыр күтүп турганын билгиң да келбейт.

Ушул кезде ата-энеси Розанын тагдырын ойлоп кабатырланып отурушканда ал Керимбек экөө китепканада даярданып отурушту. Керимбекти жал-жал караган Роза: "жакшынакай жигит экен, анан окугум келбей кетет дегени кызык, балким окууга кызыкбайттыр" деп алдыдагы китепти тиктегени менен оюнун баары Керимбекте болуп отурду. Жаш, сулуу, жаңыдан жашоонун кызыгына көңүлүн коюп, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы бир бүркүм жарыкчылыктын кумарына бериле баштаган кыз. Керимбек ага канчалык имерчиктеп, анын жанында өзүн бактылуу сезип атканы ал үчүн кеп эмес эле, анткени ал сүйүү деген дүйнөнү титиреткен ооруга чалдыга элек болчу. Эч нерседен капарсыз гана бактылуу жашоосуна ыраазы болуп окууну гана ойлоп жүргөн: "Сүйүү капысынан келет дешет, а мага азыр жолуга элек го, кимди, качан сүйүп калам?" деп кээде өзүнчө кыялды жолуктурууну күтүп жүргөн.

Ошол күнү Роза демейдегисинен эрте туруп университетке шаша жөнөдү. Негедир жүрөгү алып-учуп бир башкача болуп, кубанаарын же кайгыраарын билбей баратты: "эмнеге жүрөгүм ээлигет, бирөө менен жолугамбы, ким менен, ата-энем, инилерим күндө жанымда, алыстан келчү адамым жок" деп ойлоп жетип келди. Ал келгенде анда-санда гана студенттер жүргөн. Бир жерде топтошкон кыз-уландар өздөрүнчө сүйлөшүп турат. Бери жакта эки кыз ары жакта турган балдарга тийишкендей улам бирдемелерди шыбыраша шыңкылдап күлүп турушат. Роза кеч кимге көңүл бурбай кирип кетти. Кирсе бир кыз, бир бала келген экен. Алар менен саламдашкандан кийин оруна отуруп сабагына даярданып калды. Бир аздан кийин студенттердин баары келип орду-ордуна отурганда каалга ачылып орто жашаган, чачтары буурул тартып турса да жүзү сүйкүмдүү адам кирип келип саламдашты. Ал өзүн тааныштырып анан өтчү материалына карап сабак өтө баштады. Розанын аны көргөндө эле жүрөгү "зырп" этип, улам караган сайын жүзүндөгү жылмаюу өчпөгөн улгайса да жеңил басып, жакшылап түшүндүрүп улам залдагы студенттерге карап кайра доскага жазып жаткан адамды жалт караган сайын көздөрү чагылыша кеткенде бүткөн бою чымырап өзүн жаман сезип отурду. Сүйлөп жатканда декандын сөзүнүн бирин укса бирин укпай калып жатып сабак бүткөндөн кийин шалдырай ойго термелип ордунан жылбай отура берген Розаны курбусу Айдана козгоду:

- Ай Роза, сага эмне болду, жүр кеттик, эмнеге эле эсиң ооп калдың?

- Азыр… - Роза дептерлерин жыйнап үнсүз, курбусун ээрчий сыртка чыкса Керимбек аны күтүп туруптур. Түз эле басып келип бетинен өөп тозуп алып колтуктай баскан Керимбекти анча жактыра бербей телмирип китепканага эмес, аялдаманы көздөй басты.

- Роза, китепканага барбайбызбы? - Керимбек аны кетиргиси келбей, ушу бүгүн өз жүрөгүн кыйнаган сезимин ага билдиргиси келип турган эле.

- Жок, менин эч нерсеге көңүлүм жок, үйгө барайынчы, - ал токтобой кетип атып да бүгүнкү көргөн агайын көз алдына келтире: "жаш кезинде сулуу жигит болсо керек, үйбүлөсү, балдары бардыр ээ, бактылуу болсо керек... Кызык, мен эмне эле аны ойлоп атам?" деп мелтиреп Керимбектин өзүн карай сүйлөгөн сөздөрүн укпай аялдамага келип туруп калды.

- Роза, мынча неге ойлонуп калгансың, күндөгүдөй эмессиң, же бир жериң ооруп жатабы?

- Жок, жөн эле, - Роза кыска жооп берип кымгуут келип кетип аткан маршруткалардын бирине түштү да Керимбек менен коштошпой кете берди. Жигит турган жеринде селейип көпкө туруп анан максатсыз башы оогон жакка кетип жатты: "Демек Роза мени сүйбөйт тура, болбосо жок дегенде коштошуп койбойт беле", деп кетип атып ойлонуп отуруп эсине келе эки жагын караса чоң көчөнүн ортосунда турган экен. Анын оюн бузган өтүп бараткан машиналардын сигналы болчу. Жакын келип калган машина аны сүзүп кете жаздап айдоочу башын чыгара кыйкырып да жаткан экен. Унчукпай басып кеткенде сөгүнүп калды айдоочу.

- Жинди неме го? - деп жолун улады. Анын сөзүн Керимбек уккан да жок, башы адашкан ойлордун же тегинен чыга албай: "мени сүйбөйт, сүйбөйт.., сүйсө…" деп баратып түш ооп кечке маал болуп калганын билгенде үйүнө жөнөдү. Сабыры суз келген Керимбекти көргөн Барчынай:

- Уулум, көңүлүң кирдеп калыптыр да, эмне болду? - деди эркелете башынан жыттап.

- Эч нерсе… - ички үйгө кирип бараткан небересине карап:

- Тамак даяр, ичип алсаң боло, - деди эле, ал:

- Азыр, - деп койду. Кийимин алмаштырып чыккан Керимбек чоң энесине жанына отуруп алып тамактанып жатып:

- Чоң эне, сиз чоң атам экөөңүздөр сүйүп үйлөндүңүздөр беле? - деп сураганда Барчынай чоочуп алды:

- Эмне дейт?! - Бирок ошону менен катар эле эчаккы көргөн түштөй бүдөмүктөп бараткан жаштык кездеги Сейтек менен өткөргөн жакшы күндөрү көз алдына жылт дей жылмайып алды.

- Айтсаң чоң эне, сүйүү деген кандай болот?

- Кайдагыны айтпай сабагыңды окучу садагам, мен сүйүүнү билип коюптурмунбу? - деп небересине айткан менен жан дүйнөсү сыздай эбак өлгөн Сейтегин эстеп: "байкушум аа-ай, кандай гана асыл жан элең, ойлогон ой максатыңа жетпей калбадыңбы, сүйүү деген өмүр бою жүрөгүңө өчпөс так калтырчу азабы көп, шүүдүрүмдүн тамчысындай көз жашты агызган арман арттырчу сезим, сүйүп баш кошсоң какыраган чөлгө гүл өстүргөн, карт даракка бүр байлатчу, кышта жүрөгүңдү жылыткан касиети бар сезим" деп телмире отуруп калганда Керимбек чоң энесине эркелей кетти:

- Эмне ойлонуп калдыңыз, же чоң атамды ойлоп атасызбы?

- Жөн уулум, чоң атаңды эстебей анан, өлгөндү эстебей кантебиз? - деп небересин чекесинен өөп койду: "Бала неме кайдан билсин, Тобокел экөөбүздү күтүлбөгөн тагдыр табыштырып, аргасыз кошуп койгонун, байкуш апам, бизди кошуп коюп соопко эле калды эле, жаман жашаган жокмун, эр болуп жаман сөз айтпады, келген сайын Сейтек да аны жакшы деп күйөө баласын мактап калчу эле…" деп дагы ойлонуп кетти. Керимбек чоң энесинин алдына башын коюп жаш кезиндегидей жатып алды да:

- Чоң эне, кыздар сүйбөсө сүйлөшпөй коёбу? - деди үйдүн шыбын тиктей.

- Эмнеге, сени сүйбөгөн кызды сүйбөй эле кой балам, сага кыздар өзү жүгүрөт, - Барчынай ойлонуп Керимбектин чачынан сылап коюп жай түшүндүрүүгө өттү, - Азыркы кыздар такыр башкача уулум, биздин убактагы кыздар ар намысты бийик тутуп жигиттер менен катар басса ушак болуп кетүүдөн коркчу, азыр эмне өздөрү жүгүрүшөт.

- Чын элеби, мен эмне кылышым керек?

- Сен унчукпа, окууңду окуп жүрө бер, жакшы кыздар жолугат, али жашсың уулум, атаң абдан токтоо эле, акыл-эстүү болчу, биздин сөзүбүздү укчу, болбосо колубузда жок эмес, айтканын аткарып турса көөп кетпейт беле, анткен жок, акыркы күнүнө чейин атаң экөөбүздүн айтканыбыздан чыккан жок.

- А мен андай эмесминби?

- Сен деле кудайга шүгүр эсиң бар, ойдогудай эле жүрөсүң, мен силерди тарбиялаганга карылык кылып силерди түшүнө албай жатат окшойм, күчүгүм.

- Чоң эне, мен бир кызды сүйүп калдым, ал мени теңине албай жүрөт.

- Ал кандай кыз экен, сени карабаган? - Чоң эне небересин чын дити менен бериле карады.

- Университетте окуйт, - Керимбек өйдө болуп чоң энесинин көздөрүнө тике карап; - Айтсаңыз, сүйүү кандай болот?

- Атаны бокчум аа-ай, сен чоңойдуңбу эми, кыз сүйүп калган жигит уялат, сен сүйсөң ал сүйбөсө демек ал сүйбөйт уулум, ага сүйүү келе элек, а сен жөн эле балалык кыялдардын кулу болуп жүрсөң керек, ага капа болбо каралдым, окууңду оку, кагылайын.

- Мейли чоң эне. Кундуз кайда?

- Ал бүгүн Асел экөө Жазгүлдүн жанына кеткен.

- Ийи, - деп койду да чоң энесинин эки бетинен өөп коюп бөлмөсүнө кирип кетти. Анын артынан карап турган Барчынай: "кыз сүйүп калганын арамдын... Дале тентектиги кала элек, анан кантип сүйүүнү түшүнмөк эле…" деп купуя ойлонуп көпкө чейин отурган жеринде телмирип ойлорго жетеленди.

Керимбек кадимкидей эле окуусуна барды, сыртта балдар менен сүйлөшүп туруп оюнун баары Розада болуп атты: "бүгүн маанайы кандай болуп келээр экен, мени менен кандай саламдашат болду экен" деп ойлонуп анын келээр жолун тынчсыздана карай берди. Оо көптөн кийин маралдай керилген Роза үч-төрт кыздын ортосунда баягыдай эле кыздардын күлүп сүйлөп аткандарын укпагандай суз келаткан эле. Керимбек анын түрүн көрүп: "көзүнө көрүнбөй эле койдум, чоң энем айткандай эле бул сүйүү деле эмес окшойт, андан көрө окуумду окуп адам болоюн" деп ылдамдай кирип кетти.

Роза келип күндөгүдөй эле отуруп дептер, калемин алып коюп жаагын таяна отуруп эки көзү босогодон өтүп, кирип келаткан Нурмат агайын элестетип отура берди. Ошол убакта профессор академик Сарыбай Аматовичтин кирип келатканын көрүп деми сууй түштү: "эмнеге Нурмат агай келбей калды, балким ал бирөөнүн эле ордуна киргендир, ушул бойдон көрбөй каламбы?" деп ойго чөмүлүп отурган Розаны Сарыбай Аматовичтин үнү селт эттирди.

- Камбарова, эмнеге жазбай отурасың?

- Аа-аа азыр… - Чоочуп кеткенинен кызара түшкөн Роза колуна ручкасын ала коюп, тетрадын ачып жаза баштады. Андан кийин аны эч ким карап койбоду. Дептерге жазып атып да сүйкүмдүү жылмайган, буурул чач агайын көз алдынан кетире албай эмнени угуп, эмнени жазганы белгисиз отура берди.

Ошол бойдон Нурмат кирбеди. Роза сансыз ойлорго батып: "кызык, ал мага ким эле, аны эмне эле мынчалык ойлоном" деп өзүнө жини келген менен кайра эле кылт эте оюна келип кыйнала берчү болду. Ал үйгө келсе да, окуусунда да бир гана адамды ойлоп чүнчүп кетет, зиректиги башкача, "биринчи курста анча-мынча кыйналат" деп ага үндөшпөдү. Кыйналган күндөрү агайы анын түшүнө кирчү да болду. Андайда ойгонуп алып түнү бою уктабай калат. Терезеден таңкы жарыктын шооласы тийгенде мелтиреп жаткан кыз ордунан козголуп жуунуп тарана баштайт. "Бүгүн сөзсүз Нурмат агайымды көрөм, атайын кабинетине кирип барам" деди өзүнчө, күзгүгө каранып узун чачын тарап өрүп жатып. "Мен эмне аны сүйүп калдымбы, болбосо эмнеге көргүм келет?" - деп көпкө ойлонуп диванга отура кетти, анан тээ бала кезде көргөн "Махабат дастаны" деген кинону эстеди: "Чын эле, мен аны сүйүп калган окшойм" деп шалдырай улутунуп алды да сабагына жөнөп баратканда Зымырат аны токтотту:

- Кызым, сен эмне эчтеме ичпей кетип атасың, отур шам-шум этип ал! - деп аны столго отургузду да чыныга тамак куюп берди.

- Жок апа, менин ичким келбей турат, - мостоё жооп берип кичине ооз тийип эле ордунан турду: - Кызык, убара болбой эле койбойсузбу, мен өзүм деле керек болсо куюп ичет элем го? - Роза апасын саал жылмая карады да эки бетинен өөп койду, - Сиз эрте кыйналбай эле коюңузчу?! - Анан сыртты көздөй чыгып кетти. Анын жадыраган жамалына суктанып: "садагам десе, өтө эле супсулуу баратканын кара, бактылуу болсо экен" деп узата карап турган эненин оюна нелер гана кетпеди. Айрыкча эненин бала үчүн жанын да аябасы белгилүү го? Алдыда аларды кандай түйшүк менен көтөрө алгыс арман күтүп жатканын сезбеди эне, болгону жалган дүйнөнүн машакаттуу күнүмдүк жашоосундагы тирчилик өз орду менен өтүп жатты. "Жакшы тилек, жарым ырыс" деп койчу улуу сөзгө таянып кызынын келечегин, бактысын тилеп жатышты.

Ошол күнү адаттагыдай эле эрте келген Роза эч ким жогунан кабинеттерди абай сала кыдырып жүрдү. Бир кезде Нурмат Касымович Орозов деген жазуусу бар эшиктин алдына туруп калды. Канча турду ким балет, артынан:

- Кызым, сага ким керек? - деген эркектин жумшак үнү угулуп селт эте бурула берип:

- Саламатсызбы агай! - деп жиберди.

- Саламатчылык, менде жумушуң бар беле? - сүйкүмдүү жылмая карады ал.

- Мм, - Жо-ок, жок! - деп жүрөгү лакылдап чыгып кетчүдөй болгон кыз эч нерсе айталбай басып кетти. Роза ошондон кийин өзүнүн ал улгайган адамды сүйүп калганын чындап сезди: "Эмне үчүн?! Канчалаган жигиттер шынаарлап сөз айтууга батына албай артымда жүрсө, эмне үчүн картаң кишини сүйүшүм керек? Жок-жок, бул сезим өтүп кетээр" деп өзүн-өзү соороткон менен анын жүрөгү ага баш ийээр эмес: ал адамды эңсеп, көрбөсө туралбай калды. Өзү да баштагыдай болуп сабагына көңүл бурбай оору адамдай арыктап кетти. Ал кайдан, билсин кээде кирип калат, кээде комиссияга кошулуп ар жак, бер жакка кетип өз иши менен алек. Розанын арыктап өңүнөн азып кеткенине сарсанаа болгон ата-энеси аны бир күнү кечки тамак ичип отурганда сөздү эмнеден баштаарын билбей бири-бирин карап: "сен айт, мен айт" болуп ымдап атып анан Зымырат оозун эптеп келатканда Роза аны сезди белем, ордунан туруп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Ал күнү да эч нерсе сурай алышпады.

Роза ата-энесинин минтип кыйналып жүрүшкөнүн өзү деле билет, бирок аларга эмне деп жооп берээрин билбейт. Камбар бир күнү ал жокто:

- Ээ Зымырат, бу кыз жаман болуп баратат, ооруп жүргөн болбосун, кыйшаң-мыйшаңы деле жок, бир балээ болдубу дейин десем, бир жери ооруп жүргөн болсо керек?

- Кайдан билем, көрсөтүп көрөлү, өзү эмне дээр экен, оңой менен бир нерсени кабыл албаган кыз болуп баратат, колубузда өсүп калганда тилдеп да болсо да жөнгө салып дартын угат элек, бөлөк өскөн немеге ашыкча сүйлөй албай атам.

- Кой, бүгүн жакшылап түшүндүрөлү, кеч болуп кала электе алдын албасак болбойт, жаңыдан келгенде мындай эмес эле… - Камбар чындап ичинен башкача ойлоп жүрдү: "Жаштык кылып бир шылуундарга алданып калган жокпу, болбосо эмнеге мынчалык санаага батып өзүнөн-өзү арыктап баратат" деп өзүнчө ой жоруп атты. Анысын аялына айтпады. "Аял эне эмеспи, ага эч жамандыкты жолотпойт, анын үстүнө ушу кыз деп жүрөгү ооруп жүргөн зорго өзүнө келди, ооруп калбасын" деп аяп да алат. Алардын тынчсызданганынча бар эле, эки жылдын ичинде Роза соолуган гүлдөй куурап бараткан. Кээде жүрөгү өзүнөн-өзү болк-болк этип алып өзүн жоготуп койо жаздап эс алчу. Камбар аны маңдайынан сылап, жүзүнөн сүйүп отуруп көндүрдү да, доктурга алып барды. Эч бир врач ага диагноз койо албады, баары сүйлөшүп алгансып: "ден-соолугу таза" дешип койду. Үчүнчү курска көчкөндө жайында аны көлгө алып кетишти. Анда деле Роза бир өзгөрүлбөдү, отурган жеринде нез болуп көңүлү ачылбады. Күз келип кайрадан окуу. Роза окуу жайга баш бакканда эле агайын көрүүнү эңсейт. Ошол күнү дагы ал көңүлсүз отурган эле. Ким, кайсы мугалим кирип сабак өтөөрү ага эми баары бир болчу.

- Саламатсыңарбы балдар! - деген тааныш үндөн башын көтөрө калса баягы… баягы сүйүктүү агайы экен. Бир жадырап кубанычы койнуна батпай жүрөгү элеп-желеп болуп "дүк, дүк, дүк" деп согуп кирди. Ал ошол турушу менен аны карап тура берген экен, бир кезде:

- Сиз, эмнени ойлонуп калдыңыз? - деген үндөн көзүн бардап-бардап алып караса Нурмат агайы аны күлмүңдөй карап туруптур. Эки бети алоолонуп оттой ысып кызара түшкөн кыз:

- Ойлонгон деле жокмун агай, угуп атам, - дегенде ал күлүп койду.

- Угуп атсаң кана жазганың? - деди эле эми гана эстеп дептерин шаша ачып кирди.

- Аа-аа жакшы-ы, - деди да андан ары лекциясын уланта кетти. Роза анын сүйкүмдүү жылмайган жүзүн карегине катып алып дагы эле отура берди, ойлуу, эмнени айтып жатканы мээсине кирбеди. Нурмат Касымович кызды улам саресеп сала карап коюп жатты. Лекциясын бүтүп чыгаарда ал:

- Камбарова, менин кабинетиме кирчи! - деди да кетип калды. Ого бетер "дүк, дүк" этип согуп мына чыгып кетчүдөй болгон жүрөгү соолугуп: "эмнеге чакырды, же сабакка көңүл бурбаганым үчүн тилдейби, мейли тилдесин, мейли урушсун, бир мүнөт болсо да дидарын карап кусамды таркатып алайын" деп ойлоп сабак бүткөндө анын кабинетине барып каалганын кыңкайып ачылып калган жеринен көпкө карап тура берди. Ал эч нерсени билбей көз айнек менен кагаздарын карап жатат: "кандай жакшынакай адам" деп ойлонуп эми эшикти ачып кирмек болгондо артынан бирөөнүн:

- Кириңиз, чоң кыз! - деген үнүнөн селт этип артына кылчайса профессор Аматов турган экен. Ага жол бошото берип сыртта калып калды. Көпкө турган жок. Кирген Аматов бат эле чыгып кетти. Роза эшикти ачаарда ого бетер дүкүлдөп зорго кирди:

- -Аа-аа Камбарова, кел, кел мындай отур! - деди Нурмат Касымович баягы эле калыбында. Роза коркунучтуу жырткычтын жанында отургандай мууну калчылдап, Нурмат Касымович көрсөткөн орунга отуруп колундагы китеп салгычын кармалап үнсүз жер тиктеди, - Кана Камбарова, атың ким эле сенин? - деп ал үңүлө жылмая сүйкүмдүү суроолуу тигилди. Анын ушул көз карашы өрттөп жибере жаздап кыздын оозунан сөзү түшүп атын унутуп койгондой көздөрүн жалжылдата титиреп тура берди: Ушул мүнөттөрдө анын оюна нелер гана келбеди. Ушул улгайган мээримдүү адамдын төшүнө башын жөлөп алып, ошол кезде ичтеги бугун таратып баарын айтып туруп, ушул адамдын кучагына өлүп кетсе да ыраазы эле го?!

- Ээй чоң кыз, сага эмне болду? - Кыз селт этип уйкудан ойгонгондой көздөрүн бардап алды да:

- Эмне дедиңиз? - деди.

- Атыңды сурап жатам.

- Аа-аа, атым Роза! - Ушул учурда анын көздөрүнөн жашы мөлт эте, туптунук апакай жүзүнөн ылдый кулап кетти.

- Сага эмне болду? - Нурмат Касымович чоочулай кыздын жанына жетип келди, - ооруп атасыңбы? - Ошондо гана Касымович анын илмейип турган арык ичке манжаларын, жүзүнүн кубарганын байкай калып, ийнине колун койо минтти, - Сен ичке катпай ооруңду ачык айтып врачка кайрылышың керек кызым, минтип жүрсөң болбойт, - саал ойлоно түшкөн Нурмат Касымович кыздын маңдайына келип көздөрүнө тике карап, - Сен бирөөнү сүйүп калган жоксуңбу? - деди. Кыздын көздөрү жайнап тиктеше түштү да ичтеги кыйраган, азаптуу сүйүүсүн улутуна сыртка бүркүп алды да энтиге:

- Агай, агай… мен…мен сизди!.. - деди да ордунан тура сыртка жүгүрүп чыгып бет келди кетип атып токтой калды да, паркка кайрылып отургучка отуруп алып өксүп ыйлап жатты… Канча отурганы белгисиз, бир кезде анын жанына Нурмат Касымович келип ийнине колун койду да кызды аста колтуктай отура кетти.

- Көп болдубу? - деди токтоо гана.

- Эки жыл… - Кыз мостойо үн катты.

- Канчадасың?

- Жыйырма бирде…

- Өкүнүчтүү. Аттиң, мен сени сүйүүңө татый алаар бекенмин, жашым өтүп кеткенде өчкөн үмүтүмдү жандырып, сезимимди бийлеген кандай аруу жан элең?! - Ал кыздын башын көкүрөгүнө баса бир топко отурду.

- Агай… - деди кыз көптөн кийин гана, - сизди бир көргөнүмдө эле… - деп ошол башын жөлөгөн калыбында шыбырады, - Мен сизди сүйүп калганымды билбедим, адегенде жөн эле бир жаштыгымдын бурулушу го деп жүрдүм. Билсеңиз, ата-энем менден чочулап жүрүшөт, мени ооруп калдыбы дешип.

- Ата-энең ушул жердеби?

- Ооба, шаарда турабыз.

- Жакшы экен…

- Эмнеси жакшы агай, алар мени күндө карегим менен тең айланып суракка алышат, эгер сиз менен бүгүн минтип жолукпасам өлүп калышым керек эле… - улутунуп алды.

- Кой антпе, жакшы кыз да ошентет бекен, - Кучагындагы кыздын чачынан сылай, ал дагы бир үшкүрүнүп жеңилдеп алды да, - кызым, сен али жашсың, мен сени сооротоюн деп гана келдим, менин жашым бир топко барып калды, тең эмеспиз, сендей сулуу кыздардын келечек бактысына жаркылдаган жаш жигиттер чыгат, өзүңдү жеңил баа кылба! - дегенде кыз башын өйдө кыла Нурмат Касымовичтин жүзүнө тике караганда көзүнүн жашы мелт-калт болуп көзүн ирмесе эле төгүлүп кетчүдөй жалжылдап:

- Мага жаш жигиттердин кереги эмне? Сиз мени теңиңизге албасаңыз мага бул жашоонун кереги жок, өлүмдөн башка айлам калбаган экен да?! - деди көзүн ылдый кыла, ошондо зорго турган шүүдүрүм чөптүн тамчыларындай карегиндеги жаш Нурматтын колуна тамып жатты: "Аттиң! өмүрүмдүн жазына кеч кирип, күзгү талдын сапырылып түшкөн жалбырагындай сабагынан үзүлүп түшөөрдө, тоо суусундай ташкындаган жаш курак тээ алда кайда калып, өмүрүнүн алды жагы күүгүмгө айланып баратканда эмне деген бакыт эле???" деп көздөрүн жумуп алды профессор. Анын жан дүйнөсүндө бороон улуп жүрөгүн үшүтүп, шатырата төккөн нөшөрдүн сели сезимдерин алда кайда жетелеп качанкы кырчындай кезиндеги өткөн окуяны эсине салды...

...Оо, анда Нурмат акыркы курста курстук дипломун жазып аткан кези болчу. Жаштыгы, мастыгы болуп-толуп турган кези. Кечке маал үйдөн чыгып жумуштары менен барып келе жатып аялдамадан бир кыз менен таанышып калды. Көздөрү күйүп турган он сегиздеги кызды бир топко тамашалап сүйлөшүп туруп таанышып алды.

- Атыңыз ким чоң кыз?

- Тургунай.

- Оо жакшы атыңыз бар экен, - деп шуулдаган Нурмат ал кызды жөн гана эрмектегиси келип, келип-кетип жаткан автобустардан калып тура берди, - Бул жерде ата-энең менен турасыңбы?

- Жок…

- Эмне, жалгыз турасыңбы?

- Ооба, - кыз суз гана жооп берип, келаткан автобуска түшүп кетээрде аны колунан кармай калган Нурмат:

- Токтой турсаң сулуу кыз, ушинтип эле жолукпай калабызбы?

- Эмнеге жолукмак элек, бир эле жолуккан кыздарды жолугууга чакырып эрмектей турган адатыңыз барбы? - Кыз аны сүрдүү көз караш менен караганда Нурмат эми чындап анын көздөрүнөн жалтанып кетти.

- Жок-жок, андай деле эмес, сиз менин көңүлүмө жактыңыз, - бир аз туруп анан, - Окуйсузбу? - деди чын ниети менен сурап.

- Окубайм! - чорт жооп берди кыз, бир жагы жолунан калганына кыжаалаттангандай түрү бар эле.

- Эмне, иштейсизби?

- Иштебейм дагы, окубайм дагы, мен кечигип жатам, жакшы калыңыз! - деген кыз сумкасынан кичинекей кагаз калем алып шашып дарегин жазды да кийинки келген автобуска түшүп кетти. Нурмат ал берген кагазды кармай кыялга жетеленип өзүнчө жылмайып алды да, кетчү жолуна түштү: "Сулуу, акылдуу кыз экен, мен обу жок тамашалап койдум окшойт, каап тамашалабай эле койбой", - деп ойлоп үйүнө баргандан кийин да кыздын көз карашын, муңайым аппак жүзүн көз алдына келтирип жатып алып ойлоно берди. Жеңеси Нурматтын түрүн көрүп тамашалап калды:

- Биздин бала бүгүн таптакыр башкача, кыз сүйүп калгандан сообу деги, үйлөнөөр кезиң деле келди, - деп.

- Эми-ии, үйлөнсө деле болот эле, жашы жыйырма алтыга келгиче бойдок жүргөнү болбойт, - бир тууган агасы кабатыр боло сүйлөдү.

- Ай бала, көөнүңө кыз жакпай жүрөбү ыя, ушу сен өтө уяң болуп алгансың го, болбосо эмдигиче үйлөнөм деп Султан экөөбүздү шаштырат элең?

- Жеңе, эми окуумду бүтүп, бир жерге ишке орношуп алайын, анан деле үйлөнөм да… - деп Нурмат ордунан тура качты. Андан кийин дагы көп жолу үйлөнсөң боло деп агасы менен жеңеси кыйнаса да эч жуутпады. Анткени баягы кара көз кызды эстеп: "кайда жүрөт болду экен, балким мен издеп барсам деле кабыл албай койсочу?" деп аны издеп барууга даабай көпкө жүрдү. Ошол күнү жекшемби болчу. Атайы аны издеп барды. Ал үйдөн орус аял чыкты. Тургунайды андан сурады эле чакырып чыкты.

- Кандай Тургунай, ден-соолук, иштериң жакшыбы?

- Жакшы.

- Бош болсоң сейилдеп келбейлиби?

- Жок, баралбайм го? - Кыз башын төмөн сала жооп берди.

- Эмнеге, бүгүн дем алыш да, бир азга эле… - Нурмат андан кичипейилдик менен суранды, - Суранам Тургунай, жок дебечи?

- Макул, азыр чыгам, - деген Тургунай кирип бат эле кайра чыкты. Экөө көпкө чейин басып жүрүштү. Анын алды артына түшкөн жигит негедир ага жагуунун амалында болуп атты. Балмуздак, шоколад алып берди. Тургунай жигит сүйлөсө кыска жооп берип ойлуу болуп кечке бир калыптан жазбай жүрдү: "Мен үйлөнсөм ушу сулуу кызга гана үйлөнөм" деп ойлогон Нурмат анда-санда сүйлөгөн сулуу кызга арбалып ашыкча сүйлөгөндөн тартынып атты.

- Тургунай, канча бир туугансыңар?

- Жалгызмын!

- Эрке кызсың го анда?

- ?...

- Ата-энең айылдабы?

- Жок, ата-энем жок!

- Кечирип кой Тургунай, менин деле ата-энем өтүп кеткен, бир тууган агам бар… - Башка сөз сүйлөбөй сумсайган кызды карады эле ал дале эч нерсе болбогондой мисирейет. Ал күнү ошентип кеч үйүнө келди: "эмнеге мынчалык ойлонот, башка жигити болсо керек, ал экөө таарынышып кеткендир, ошон үчүн ойго батып жаман абалда жүргөн го" деп ойлогон Нурмат ага таң калып жатты. Ошондон кийин экөө көп эле жолугушту, көнө түшкөн кыз ич күптүгө толгон сырын айтты бир кечте:

- Нурмат, мен томолой жетимин, болгондо да кимдин кызы экеними билбейм, - ыйлап отурду ал, - Мени детдомго кичинекей кезимде таштап кетиптир, мени төрөгөн аял ким, кайда - билбейм…

- Тургунай, кайгырбачы, мен сени эч кимим жок деп кайгырышыңа жол бербейм, жарыгым менин, Асылзадам, сен эч качан ушинтип айтпагын, макулбу?

- Мм, - Кыз мөндүрдөй төгүлгөн көз жашын колу менен аарчый башын ийкеди. Ошол күнү Нурмат эң биринчи жигиттик кылып кыз жүзүнөн сүйдү, берилип кучагына кысып турду.

- Тургунай, үйлөнүп эле алалычы ээ?

- Кантип? - кыз чоочуп кетти.

- Экөөбүз үйлөнсөк бактылуу жашайбыз, агам менен жеңем кандай гана сүйүнөөр экен, макулбу Тургунай?

- Билбейм, мындайды күтпөгөн экенмин…

- Болду, мен үйдөгүлөрдү бүгүн эле айтып камынтам, эртең өзүм алып кетем!

- Ошончо эртеби? - Кыз жоодураган көздөрүн кадай сурады.

- Эмнеге кечиктиришибиз керек, бүгүн сен камына бер! - деген Нурмат кызды чачынан сылай, жүзүнөн айар өөп коштошту. Өрөпкүгөн жүрөк кубанычы айтып бүткүс эле. Үйлөнөм дегенин уккан агасы менен жеңеси экөө андан эч нерсе сурашпады: "эмнеси болсо да үйлөнсүн, өзүнө жакса болду да" дешип, камынып калышты. Бирок ал күнү, андан кийин да кечигип жатты. Анткени Тургунай Нурмат барса качып, "жок" дедирип коюп чыкпай койду. Үч күн бою ал орус кемпирдин үйүн кайтарып кетпей койду, ошондо орус кемпир боору ооруду окшойт:

- Уулум, сен убара болбо, Тургунай оорукчан, анын өпкөсүнө суук тийип өтүшүп кеткен экен, жүрөгү да оорукчан, айта алган эмес тура, жакында врачтар аны "күйөөгө тийбей үч жыл дарылансаң сакайып кетишиң мүмкүн" деген экен. Бирок өтө оор абалда болуп жүрөт, мен аны деддомдон багып алгамын, кыскасы оорукчан болуп калды, - деди кейий.

Нурмат эч нерсе дей албады: "Тобо-оо, орус болуп туруп кыргыз кызын багып алганын" деп ойлонуп бир топко үнсүз туруп калганда кемпир анын оюн билип койгондой:

- Мен деддомдон уул же кыз алууга барганмын, анан алты айлык болуп калган ушул кыз мага татынакай көрүндү, өзүм бала төрөгөн эмесмин, жакшы көрүп алып алдым. Энеси таштаганда бир сыйра кийими менен кошо кат таштаган экен. Кайрылып келбептир, алигиче ошол катын мен катып жүрөм, - деди.

- Аны Тургунай билеби?

- Жок, катты көрсөткөн эмесмин, атын гана айтканмын, жаңылып калган кыздан төрөлгөн кыз. Өзүм Тоня дейм.

- Эне, мен Тургунайды көргүм келет, чакырыңызчы, аны көрбөсөм өлүп калам, үч күндөн бери жаман азап тартып бүттүм.

- Азыр, айтып көрөйүн, - кемпир ичке кирип кетти. Көптөн кийин гана көздөрү тоодой болуп шишиген Тургунай чыгып келди.

- Тургунай, кандай жакшыбы ден-соолук, - Нурмат аны сылык гана колунан кармай учурашты.

- Жакшы… - Тургунай андан көзүн ала качып жерди карады, - сиз мени кечириңиз, мен турмушка даяр эмесмин…

- Тургунай, мен сени азыр алып кетем, мен баарын билем, сен менден эч нерсе жашырбачы, сени өзүм дарылатам, өмүр бою жанымда алып жүрөм, керек десең өмүрүмдү берем!

- Андай дебеңиз, - Тургунай жалдырап жиберди, - Мен айыкпайм!

- Айыкпаган оору болчу беле, азыр врачтар баарын айыктырат, сен мага ишенчи, мен сени сөзсүз айыктырам!

- Убара болбоңузчу, мени ансыз да кыйнап ийдиңиз! - кыз тез бурулуп үйүнө карап жүгүрүп бетин баскан бойдон кирип кетти. Ошол күнү Нурмат биринчи жолу столовойго кирип жүз грамм арак ичти. Ал үйгө келгенде түн бир оокум болуп калган эле, эшикти ачкан жеңеси кайнисин көрүп чоочуп кетти:

- Ой бала сага эмне болгон? Кокуй күн, сен ичип алгансыңбы? - деп ичкери киргизип, - агаң укпасын, - деп шыбырады. Бөлмөсүнө киргип баратканда Нурмат:

- Жеңе, баары бүттү, баары бүттү, мен эми эч качан, эч кимге үйлөнбөйм! - деди да кроватка эт бетинен түшүп жыгылды, ошол бойдон эртең менен башы сынып ооруп турду. Эч кимге билдирбей туруп үйдөн чыгып кетти. Санаасы санга бөлүнгөн Нурмат кайра эле Тургунайдын үйүн шынаарлай акмалап жүрсө коңшу турган аял ага буларды айтты:

- Балам, сен мен билгенден Валянын кызына келип жүрөсүң го, аны түндө тез жардам менен ооруканага алып кетти, бечара кыз абдан кыйналды, жашабайт деди врач көрүп эле, Валяга да жаман болду, тырмактайында багып алган, оорукчан экен…

Тигил аял дагы бажырап көп сөз сүйлөмөк, Нурмат андан Тургунайды кайсы ооруканага алып кеткенин сурады да жөнөп кетти.

Нурмат келгенде Тургунайды кислород менен дем алдырып жатышкан экен. Валя кемпир анын жанында отуруптур. Нурмат кирип келээри менен Тургунайды кайсы врач карап жатканын сурады да, тез эле кайра чыгып, башкы врач менен сүйлөшүп отурду:

- Доктор, Тургунайдын абалы кандай?

- Иним, ал кыздын абалы өтө оор. Жашында өпкөсүнө катуу суук тийиптир, өпкө калган эмес. Кыскасы, туберкулез, аяк-биягы бир ай гана жашайт.

- Жакшылап караса да болбойбу?

- Айтып жатам го, жигит, туберкулездон өтүшүп кеткен, кеч болуп калды.

- Ушунчадан бир кызды сактай албайсыздарбы?! Болгондо да жетим, бечара кыздын өмүрүн сактоого болбойбу?!

- Кызык сүйлөйт экенсиң, жигит: оорулууну караган доктурга бечара жетимби, же ата-энелүү телегейи тегизби, баары бир! - врач кызаңдап кетти.

- Кечиресиз? - деген Нурмат шалдая чыгып Тургунай жаткан палатага келип Валяны үйүнө жөнөтүп ийип анын жанында өзү калды. Эч нерсени сезбеген кыздын өңү боппоз болуп, көзүнүн тегереги саал көгүш тартып, оозунун бөйтөйүп жатканы Нурматтын жүрөгүн эзип жиберди. Эңкейип мупмуздак болуп жан сыздай сезилген узун салааларын колу менен кармалай өөп койду. "Аттиң, ушу менин колумдан келээр нерсе болсо заматта куландан соо кылып айыктырып албайт белем?" деп зээни кейип отурду. Түнү бою бут серппей жансыздай өңүнөн кан качып жаткан кызга бир кезде жан киргендей болду, колуна сайылган ийнени жаңы эле Нурмат карап отурган. Колдору серпилип, башын эки жакка буруп көздөрүн ачмак болду. Нурмат сестраны чакырып кислородду алышты эле терең дем алып көздөрүн алсыз ачты.

- Тургунай, кандайсың, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Ыы-кы, - деген Тургунай кыңкылдай көздөрүн бардап ачып Нурматты көрүп ары бурулуп кетти.

- Тургунай, сүйлөчү деги, менин сага деген сүйүүмдү сезчи, мен сени дүйнөнүн чексиздигиндей түбөлүк сүйөм, - Нурмат анын колун жаагына басып көзүнүн жашын куюлта токтоно албай ыйлап жатты. Тургунай эч нерсени укпагандай мелтиреп жата берди. Сестра ага дагы укол куйду да:

- Сиз эми бара берсеңиз болот, азыр көп сүйлөткөнгө болбойт, эртең келиңиз, - деди эле Нурмат аргасыз башын жерге салып чыгып баратканда Тургунай ыкшып жөтөлүп калды. Нурмат токтой калып ага жетип барды да башын өйдө кыла калды. Жүзү кубарып турган кыздын жүзү күч келгенге көгөрүп-татарып көпкө чейин жөтөлдү. Анан демиге баштап көкүрөгүн тырмалай баштады.

- Ой жаным ай!

- Тургунай, эс алдыңбы? - Нурмат күйпөлөктөп кетти.

- Суу, суу берчи?

- Азыр.. - Нурмат далбастап тумбочкадан жанараак кемпир алып келген соктон стаканга куюп алып келип башын өйдө кылып ичирмек болгондо кыз кыйналып жатып зорго эки жолу кылк-кылк эте жутту да түртүп койду. Ошол бойдон дымы чыкпай көпкө жатып калды. Анын азыркы абалы абдан эле коркунучтуу көрүндү Нурматка: "Эми эмне болот, чын эле өлүп калабы, эмнеге? Деги кайдан да жолуктум эле, ошончолук жолуктурган соң неге бул айыпсыз жанды мага ыраа көрбөй жатасың, Жараткан?" деп Нурмат анын жансыздай сулк жаткан денесин аяй карап ойлуу отура берди. Бая эле чыгып кеткен сестра кайра келип оорулууну карамакка жанына отуруп Нурматка карады:

- Сиз кетишиңиз керек, бая эле айтпадым беле, неге укпайсыз? - деп тиртеңдей кетти.

- Кечиресиз, кетип жаткам, жөтөлүп кыйналганынан кайра келдим.

- Оорулуу, анан да абалы оор болсо жөтөлөт, кыйналат, биз бул жерде ойноп жүргөнүбүз жок да, келген оорулуунун жакындары менен айтышканга алым жок!

- Болуптур чоң кыз, жакшылап карап коюңуз, мен сизден суранам! - деген Нурмат сыртка чыкты. Саатын караса түнкү он экиден өтүп кетиптир. Жай басып көчө бойлоп жөнөдү: "Кызык, бул жашоо дегениң табышмак тура, ушу убакка чейин бир дагы кызга көңүл бурбаптырмын, кокус таанышкан кызды сүйүп калсам, ал менден качып, алыска-аа, таптакыр алыс жакка, белгисиз мейкиндикке учуп кеткени турат. Мен аны чын жүрөгүм менен сүйбөдүм беле?!" деп санаанын сапырылган боз топурагы көздөрүн тосуп алгандай болуп тумандап барып эсине келе түшүп ылдамдай басты. Түнкү муздак желге чыйрыга үйгө кирип дабыш чыгарбай бөлмөсүнө өттү. Ордуна жатып алып дале Тургунай жөнүндө ойлонуп жатып уктап кетти… Тургунай аппак көйнөк кийип алыптыр, Нурмат аны токто деген сайын күлмүңдөй арылап кете берди, аны кармайм деп баратып катуу жүгүрүп кетип атып жанында жүргөн Тургунайды байкабаптыр. Ал аны колтуктап түртүп кыткылыктап күлүп көйнөгүн көргөзө: "Нурмат, дал ушул көйнөктөй көйнөк алып бересиң ээ?" деди эле ал: "Ананчы, сөзсүз алып берем, андан көрө сен менден качпачы" деп колунан кармайын дегенде көпөлөктөй болуп аппак көйнөгү делбирей тээ алыста кетип жатыптыр, аны көрө "Тургунай, менден качпачы!" деп кыйкырып ийгенде ойгонуп кетсе түшү экен. Жүрөгү лакылдап калыптыр. "Бул эмнеси ыя, чындап эле ал бирдеме болобу?" деп таң агарып калганын көрүп туруп кийинип алып: "балким эмдигиче бирдеме болдубу, жанында эле отура бербей" деп шаша оорукананы көздөй тез-тез басып баратты. Саат таңкы алты болуптур: "үч саат уктаган экемин, эмнеси болсо да соо болсо экен, тирүү көрсөтө көр кудайым" деп тиленип кетип атты. Анын кудайды оозанганы ушул, өмүрү айтчу эмес, "кудай" деп алып өзүнө-өзү күлкүсү келип да алды. Анткени ишенчү эмес, кудай жок деп көбүнчө талашып-тартышып да кетчү. Ушуларды ойлонуп келатып ооруканага жеткенин билбей калыптыр. Кирип келип эле палатанын эшигин ачып "өх" деп алды. Тургунай былк этпей дале кечээги абалында кыймылдабай жатат. Кислород албаптыр: "демек дурус окшойт, жакшы болуп кетсе экен" деп анын кроватынын жанындагы отургучка отуруп алып эки көзү кызда болду. Козголбой жаткан кызды оюнда өлүмгө кыйбай: "акеме кеңешейин, эгер күчтүү уколдорду берсе жакшы болуп кетээр беле?" деп ой көлүндө калкыйт. Уйкусу канбаган таңга маалкы кызуу уйку аны жетелеп отурган жеринде үргүлөп кетиптир - кроваттын кычыраган үнүнөн ойгонуп кетсе Тургунай кыймылга келип көздөрүн ачып жаткан экен.

- Тургунай жакшыбы, абалың кандай? - Нурмат адегенде эле абалын сурады.

- Ий-ий, - деди кыз алсыз.

- Алтыным десе, өзүңдү кармачы, көп ойлонбочу? - Алсыз кыз кайдан жооп бермек эле, анын азыркы абалы өтө оор эле, жадагалса үстүндөгү төшөктү түртүп жатканга алы жок болчу.

- Ысып кеттим, - деп шыбырады кыз, колун акырын тартып төшөктү түрткөнгө аракеттенип. Нурмат анын төшөгүн ылдый кылып чекесине колун коюп көрдү эле эти от менен жалын болуп ысып калган экен. Сестраны чакырса ал эрте мененки уколдорун берип жүрүптүр.

- Ой эч нерсе болбойт, жата турсун, эки оорулуунун уколун сайып койоюн, - деди камырабай.

- Кайдыгерсиз го, өлүм алдында жаткан адамды аяп коюш колуңуздан келбейби, тезирээк болуңуз, коркунучу жок оорулар анан деле алат эле да? - Нурмат ичинен жини келип турса да кыздын чабалактап жатканынан карай албай жүрөгү канап турду. Кыз орус кемпирдин колунда өскөндүктөн орусча сүйлөп дөөрүп кирди. Нурмат аны улам колдорунан кармап, башын көтөргөн кызды тынчтандырууга аракеттенип:

- Тургунай, эс алчы, сен жакшы болосуң, көрөсүң го, биз аябай бактылуу болобуз, тынч жатчы! - деп саксайып кеткен чачтарын жыйып, салаалап ары жаздыктын алдына киргизип атты. Бир топтон кийин сестра тынчтандыруучу уколун сайганы келгенде Нурмат аны жаман көзү менен карап:

- Мындай кайдыгерлик менен карасаңар өлбөй турган ооруну да өлтүрүп коёсуңар го, оорусуна каршы укол сайбай эле тынч алдыруучу уколду сала берет турбайсыңарбы?! - деди нааразылана.

- Сиз кызыксыз го, мен врачтын назначениеси менен кылам баарын, мен өзүм эч ашыкча иш кылбайм, - деп сестра кызаңдап кетти. Тургунай укол салгандан кийин бир топтон барып көөшүп кетти.

Тургунай ошондон бир ай өткөндө абдан кыйналып жатып акыры көрөөр күнү токтоп келбес сапарына жөнөп кетти. Апасы орус кемпирге кыйын эле болду. Кантсе да тырмактайынан багып чоңойткондуку го. Кызык, аны койорго келгенде Валя өзүнүн салтында койорун айтканда эч ким эч нерсе дей албады. Нурмат ошондо эсине келип баягы түшүндө көргөн аппак көйнөктү издеп эки саат жүрүп зорго өзүнө жакканын алып келди да, Валяга берди. Ошол көйнөктү кийгизип табытка салып, акыркы сапарга узатышты. Нурмат ушул жерге келгенде Розаны караса мемиреген кыз тыңшап гана төшүнө жөлөнүп бактылуу отурган экен. Нурмат андан кийин кыз сүйбөдү, үйлөнбөдү.

- Сиз үйлөнгөн эмессизби, агай? - Роза агайын ынтаа коюп суроолуу тигилди.

- Ооба жарыгым, үйлөнбөдүм… - Ал кысып-кысып койду.

- Анда… - Кыз бирдемени айткан болуп кайра токтоп калды.

- Айт, айта гой, эмнени айтмак элең? - Күлмүңдөгөн жүзү нурдана кызга кулак түрдү.

- Эчтеме…

- Мейли, айтпасаң айтпа, үйүңдөгүлөр издеп калбасын…

- Издебейт, мен китепканада болом деп койгом, - Кыз дегеле ушул мээримдүү адамдын кучагынан кеткиси келбегендей момурайт.

- Роза…

- Оов…

- Сен мени чын эле сүйөсүңбү, жарыгым?

- Аябай, сиз үчүн эки жылдан бери зил ооруга чалдыгып аз болгондо арманда кетмекмин!

- Кой андай дебе, мени картаң деп чанбайсыңбы?

- Эмнеге, сиз мени атайы өзүңүздөн алыстатып жатасыз го ээ?

- Жок, жок менин жүрөгүм кубанычтан жарылып кетпесе экен…

- Антпеңизчи, сиздин жүрөгүңүз жарылса меники да токтогону ошол!

- Асылым, аруу жаным, ушул көргөнүм, укканым түшүм болбосо экен? - Нурмат кыздын башын өйдө кылып чачынан жыттап койду.

- Менин дагы, ылайым түшүм болбой өңүм болсо экен… - Көпкө чейин отурган эки караан ата-бала сыяктуу ээрчише парктан чыгып аялдамага келди. Коштошо албай көпкө турушту, анан Нурмат Розанын чекесинен өөп коюп автобуска салды да өзү үйүнө жөө кайтты: "Оо анда удургуп, кирген суудай толуп-ташып турган кезим эле… бүгүн буурул чачтуу орто жаштагы адаммын ээ, аттиң кечигип кезиккенин кара, жаштыгынан токтоно албай сүйүүнүн эмне экенин жакшы билбеген эселектиги болуп жүрбөсүн?" деп толкундана эчаккы таштай катып, муздай тоңуп калган жүрөгү элжиреп Розанын элесин көз алдынан кетире албай, ушу бүгүнкү бактысына, кыз жытын мүнөтчөлүк искегенине ыраазы боло үйүнө келип да ары-бери басып жүрүп: "Ээ жараткан, ушу чынбы же жалганбы, чын эле мөлтүрөгөн айдай сулуу периштени колтугума кысып, жигит сүйбөгөн жүзүнөн сүйдүмбү?" деп ойлонуп карбаластап, тээ илгери Валядан алып катып жүргөн Тургунайдын саргайган сүрөтүн альбомун ачып карап: "байкушум десе, сен мага капа болбо, мен чындап сүйүүгө кабылууга акылуумун, бир жарыкчылыкта кудайдын берген мүмкүнчүлүгүнөн ажырабасам экен, сен го мени таштап кетип калдың" деп сүрөттү сылай кайра альбомду жапты да диванына жата кетти.

Ооба, Нурматты канча кыздар сүйбөдү, бири чындап, кээ бири анын аброюна, табышкерлигине карап сүйдү. Бирине да көңүл бурган жок. Канчалаган студент кыздарга баа коюп берип үндөбөй кала берчү. Болбосо өзү менен иштешкендер далай кыздардын зачёткасына баа койбой коюп ыйлатып акыры мүдөөсүнө жетип анан баа коюшчу. Нурмат антпеди. Ишине так, таза берилип иштеди. Кээде: "Эмне мындай жаралып калдым экен, башка эркектердей эле гүлдөн-гүлгө конгон аарыдай кыздардын ширинин, сулуусун калагандай пайдаланып жүрө бергенде.." деп ойлонуп кеткенде, ичтеги үнү: "адам деген пендечилигинин азабын тартат, сен андай ыпылас жолдон алыс бол, бактыңа жазганын көрөсүң" деп күнгүрөнгөндөй болсо жаман ойду ойлогонуна уяла түшчү. Келин-кесектер менен го ойноп жүрдү, кыз аттууну булгаган жок. Ушуларды ойлоп отуруп Розанын балтыркандай солкулдаган арыкчырай боюн, суйсалган узун чачын, кара көздөрүнө жарашып төгүлүп турган кирпиктерин көз алдына келтирип жүрөгү зырп этип сайгылашып алды: "Шириним, асылым, мен деле бир көргөндө карегинен жалтана түшүп анан сүйүп калуудан качып жүрбөдүм беле, көрсө тагдырдан качып кутула албайт турбайбы адам баласы" деп ойлоно берип таң атырды. Эртең менен оорлошуп калыптыр. "Ойлосо кырк сегиз жаш деле жапжаш бойдон тура" деп көңүлү көтөрүлө жумушуна жөнөдү. Ал азыр жумушуна шашкан жок, көгүчкөнүн көргөнү баратат, ооба аны көрбөсө болчудай эмес, жаш жигиттердей шыпылдай басып аудиторияга кирип келди: "Көздөрүн жалжылдатып мени күтүп атты бекен" деген ойдо кирип келди. Ана ак куштай болуп өзүн күтүп отурган Роза болоор болбос жылмайып койду, ал анын агайына учурашканы эле. "Ушул көз-карашты, дал ушул жылмаюуну күтүп жүрбөдүм беле, күткөн мүнөттөрүм акыры кечигип келди ээ, жок-жок мен карый элекмин да, жыйырма жети жаш… эх, чын эле өтө көп жаш улуумун ээ" деп ойлонуп отуруп сабак өтө баштады. Баягы күнү Роза алагды болуп аткандай эле өзүн көңүл буруп карап отурган кыздан сүрдөгөндөй абалга келди: "Ырысым" деп койду дилинде кызды эркелете.

***

Арууке оорукчан болуп калды. Акмат жумушуна барып иштегени менен үйгө келип оорукчан аялына каралашып балдарынын кирин жууп, тамак-ашын да жасай кетет. Бир-эки күн үйдө болсо кайра ооруканада жатат. Акча-тыйындан кыйналбады, Арууке баягы калган алтынды четинен сатып өзүнүн уколдоруна, үйгө жумшайт, өңү субагай тартып арыктап кеткенине карабай өтөгөн өмүрүндө жеңилдик кылып жасаган иштери көп ойлонтуп, уул-кызын көрө албай туюк жарадай болгон жүрөк оору эзип качан жарылып жаны жай алаарын сезбей күнүмдүк көр оокат менен алпурушуп жүргөн күндөрүндө капысынан Төлөгөн үйгө пайда болду. Анын уулу Эмирлан он жети жашка чыгып калган эле. Ал кирип келип эле Эмирланды сурады:

- Эхе, кандайсың Арууке, баламды көргөнү келдим.

- Кайсы балаңды айтып жатасың, "тапкан ата эмес баккан ата" дегенди билесиңби, ал сени билбейт, эми Акматтын баласы ал. Уят барбы сенде, чоңоюп калганда аны арсар кылбай тынч жүр. кетип кал!

- Ага мен өзүнүн атасы экенимди айтышым керек, баары бир ал менин балам да?

- Ооба сенин балаң болчу, ушул убакка чейин кайда жүрдүң бир жолу сурап койбой?

- Анда сенин ишиң болбосун, мен уулумду алып кетишим керек!

- Сени менен ээрчип кетчү жолдо жаткан бала бар бекен? - Арууке калчылдай өңү бозоро өзүн жоготуп баратканда балдары чыркырап кармай калды, сабактан келатып сырттан күпүлдөгөн үндү угуп туруп өзү жөнүндө айтылып жатканына көзү жетип делдээ көзүнө жаш кылгыра: "Акмат менин атам эмеспи, а бул кандай адам болду экен", деп турган Эмирлан ини-карындаштарынын ызылдап ийишкенинен эшикти ачып кирип келип апасын кармай калды.

- Уулум, уулум, - дегенге жараган Арууке көздөрү сүзүлүп барып колдору шалак этип бүткөн боюн таштап жиберди. Эмирландар аны төргө жаткыра коюп чоочун адамды карады:

- Сиз кимсиз, апамдын жүрөк оорусу катуу кармап бирдеме болсо жооп бересиз! - деди ага ачуулана.

- Уулум, мен сенин атаң болом, ошону айтайын деп макул болсоң алып кетейин деп эле келгем! - Төлөгөн дароо эле ички оюн айта салды.

- Менин бир гана атам бар, ошону билем, сыйыңыз менен чыгып кетиңиз!

- Опээй энесин тарткан жаман, ой сен менин канымсың! - Төлөгөн аны үмүттүү карап ишендиришке аракеттенди, - Өз атаңды куугуң келип жатабы?

- Азыр чыгып кетпесеңиз күч менен чыгарып койом, менин колум тийбесин… - деп кыжына жакадан алганда Төлөгөн унчукпай сыртка карай чыгып кетип атканда Акмат алдынан чыкты.

- Сен менин көзүмө көрүнбө деп айттым беле?! - Акмат аны көрүп эле ачуулана, - Бул үйдүн айланасынан изиңди көрбөйүн, ал эми Эмирландын тынчын алып менин баламсың дей турган болсоң анда мага таарынба! - деп үйгө бет алды. Төлөгөн үндөбөй басып кетти. Акмат үйгө кирип Аруукенин төшөктө жатканын көрүп: "энеңди, үйгө кирип балага кайдагыны айткан окшойт, ошого оорусу кармап калган экен, Эмирлан чоңойду, он жетиге чыкты, ачык айтып сүйлөшөйүн, өзү чечсин!" деп ичтен ойлонуп жатып кийимин алмаштырды да, Аруукенин жанына "өх" деп отура кетти.

- Эмне, тигил акмак келип бирдеме дедиби?

- Ошо жерге кирсин! - Арууке дарысынан ичип эс алып калган эле, ордунан турууга аракеттенди, - Он жети жылдан бери эсине эми келди го?!

- Жат, жата бер, кыйналып турасың, карачы өңүңдү, - Акмат аны тургузбай жылуулап жаап койду: "демек Эмирлан өзү да уккан экен го сөздү - өзү баштап сураса айтайын, болбосо.." деп ойго чөмүлүп отуруп калды: "Аруукеге үйлөнгөнү түйшүктөн арыла албай келатам, баласын ал өзү билсе бербейт, жай түшүндүрөйүн, кичине өзүнө келсин", деп ойлоп алды. Ошону менен жай гана күнүмдүк жашоонун көр тирчилигин кобурашып тим болушту. Эмирлан болсо эч нерсе укпагандай Акматты аталап дагы эле анын көңүлүнө караган менен: "Кызык, менин өз атам эмес тура, эмнеге ал атаңмын деп ушуга чейин бир дагы келген жок, атам болсо өз баласынан кем көрбөйт, ушундай атамды өмүрү көрбөгөн бирөөгө алмаштырбай калайын, апамдын айтканы туура, тапкан ата эмес, баккан ата" деп, ойлуу тартып кетти:

Арууке болсо: "Эмирлан укса эмне дээр экен, ал али уга элек, чоңойуп деле калды, өзүнө эле коёюн, биротоло кетип калмак беле. Акмат экөөбүздү жанындай жакшы көрөт, анан дагы акыл-эстүү уулум, ушул менин атам экен деп ээрчип кете турган баладан эмес, эч нерседен кемитпей ою менен болуп отурган бизди кантип таштап кетсин, эмнеси болсо да өзү чечсин" деп ойлоду. Ошенткен менен биринен дагы сөз чыкпады. Элдос менен Зарина да биринен сала бири өтүп чоңоюп калышкан. Билинбегени менен убакыт өтүп арадан бир жыл дагы зуулдап кетиптир. Бир күнү дагы Төлөгөн келди. Ал бул жолу Акмат менен жакшылап сүйлөшкөнү келди. Жумуштан келчү жолун тосуп үйгө кирбей жол боюнда басып жүргөн.

Эмирлан Төлөгөндү көрүп жини келди, бирок "кантсе да өз атам экен, жаман айтпай кетирип коёюн" деген ойдо жанына басып келди да салам айтты:

- Салам Алейкум!

- Атсалоому Алейкум баатыр, кандай? - деп Төлөгөн шашып калды.

- Сиз бул жерге бекер келип атасыз, мен баарын билем, убагында неге келбедиңиз? Эми мен алпештеген ата-энемдин жүрөгүн оорутуп сизди атам экен деп айта албайм, мен азыр бойго жетип калдым, сиз жөн эле кетип калыңыз! - деди.

- Уулум, кечирип кой мени, убагында түшүнбөпмүн, эми мага сен керексиң, апаңа жиним келип эле…

- Апама жиниңиз келсе менин чоңоёрумду билген жоксузбу, же бага алабы же бага албайбы деп жүрдүңүз беле?

- Жок, жок… - Төлөгөн тайсалдап кетти.

- Көп сүйлөшкөнгө убактым жок, мындан ары убара болбоңуз! - деп Эмирлан басып кеткенде Төлөгөн эмне дээрин билбей ары көздөй басып баратканда Акмат жолугуп калды.

- Ассалоомбу Алейкум, - озуна салам айтты Төлөгөн.

- Ал-леки салам, келген экенсиң?

- Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмнени? - Акмат билмексен боло сурап койду.

- Аны өзүң билесиң да?

- Ушунча жыл кайда жүрдүң, узак уйкуда жаттың беле? - кекээрлей сурады Акмат.

- Аялга өчөшөм деп акмак болупмун, эми уулумду колума алсам дедим эле?

- Сен алып кетем десең эле макул боло коёт деп ойлойсуңбу?

- Эми-и, ал деле акырын түшүнөт да.

- Экөөбүз бул маселе боюнча эч нерсе чече албайбыз. Балаңды чоңойтуп койдум, он сегиздеги бала өзү чечет, аны үчүн сотко беришиң керек! Башка сөзүң жокпу?

- Башка эмне сөз болмок эле? - деген Төлөгөн тайсалдай андан көзүн ала кача басып кетти.

"Бечара… - деп алды Акмат, - Эркектен ушундай да жүүнү бош эркек болот экен да, мындайлар кээ бир аялдарчалык чечкиндүү боло алышпайт, кыскасын - катын", деп ойлоп үйгө кирди. Арууке эч нерседен капарсыз тирчилиги менен алп урушуп жатыптыр. Эмирлан болсо сабак даярдаган столунда отурган. Атасын көрүп "келип калдыңызбы" дегендей бир карап алып кайра сабагын окууга киришти. Аны Акмат быйыл окууну аяктары менен шофёрлук курска киргизип койгон эле. Ал ушу тапта жазып жаткандай көрүнгөн менен: "Атам тиги кишини көрдү бекен, көрсө эмне деп сүйлөштү" деп кыжаалат болуп отурду. Бирок дале ашыкча эч бир сөз козголбоду, бул сыр качанкыга дейре жашырынып үч адамды эзип жүрө берет эле ким билет. Ошол күнү алар эч нерседен бейкапар отуруп алып түшкү тамактарын ичип отурушкан. Эшиктен кобур-собур үн угулуп бир аял менен бир кемпир кирип келди. Акмат ордунан туруп бейтааныш аялдарга таңгала карап турганда Аруукенин өңү боппоз болуп кетти, отурган ордунан козголбой мелтирей отуруп эч нерсени сезбегендей абалда. Акмат аны көрүп: "оорусу кармабаса экен" деп чоочулай, келгендерге кайрылды.

- Келиңиздер! - төр жакка колун жаңсай көрсөттү, - Келипсиздер?

- Аа-аа айланайын, келип калдык ушинтип, Эмирланым болбосо кайдан келмек элек, - Жайланышып отурган кемпир наалый кетти, - Аруукем жанда жок жакшы эле келин эле, уулумдан кетти баары, эми биздин келген жөнүбүз, бала чоңойду, өз элин, өз туурун тааныталы, алып кетели деп келдик.

- Ушунча жылдан бери "балабыз бар эле" деп бир кабар алып койбосоңор, анан эми келип бала, бала дейсиңер... Ана чоңойду, өзүнөн сурагыла! - Арууке колдору калтырай үнү дирилдеп отуруп ушуларды айтканда:

- Менин ошондой атам, сизге окшогон чоң энем бар экен, эмнеге ушул убакка чейин келбедиңер? Эми мен чоңойгондо керек болдумбу, житимдер үйүндө чоңойгон балдар деле баккан ата-энесин кыя албайт го, мен силерди ээрчип кете турган алсыз да, арсыз да жан эмесмин, менин өзүмдүн атам, чоң энем бар, убара болбогула! - деп Эмирлан сыртты көздөй жөнөгөндө Акмат аны токтотту:

- Сен кайда, отур мындай!

- Омей балекетиңди алайын десе, ала кушту атынан айт деген кеп бар, баары бир сени Төлөгөндүн баласы дешет, ботом?

Эмирлан:

- Тапкан эмес, баккан ата, менин атам мына бул гана киши, башка атаны билбейм, - дегенде:

- Уулум, улуу кишилерди уккун, анан оюңду айтасың, - деди Акмат жай гана. Эмирлан үндөбөй эшикке чыгып кетип калды. Ал абдан капа болуп чыгып кеткенин көргөн Арууке тынчсызданып:

- Деги бул Төлөгөн мага тынч жашоо бербес болду го, ушунун кичинекейинде үйдөн кууп чыккан өзү болчу, көрбөгөндү көрсөттү, аны сиз да билесиз, айдай жүзүмө так салып жүрөгүмдү эчен ирээт оорутпады беле?! - Арууке ыйлап алды.

- Сен кантесиң Арууке, бала болуп кеттиңби, бул акыры ачыкка чыга турган иш болчу, эми Эмирлан жаш бала эмес, биз менен эмес аны менен сүйлөшүңүздөр, - деп Акмат кемпирди карады, - ал өзү чечет, уруп-согуп кошуп берчү жаш бала эмес да?

- Туура айланайын, чоңойгон бала өзү билет ырас эле, бизде да күнөө бар, бир келип койбогон, - деп кемпир дасторконго бата кыла ордунан турду, - Мейли балдарым, карыган энеңерге капа болбогула, айланайындар.

- Жакшы барыңыздар! - Акмат узата кошо чыкты, Арууке ордунан турбады, мисирейип отура берди. Алар кеткенден кийин көздөрү тоодой болуп шишиген Эмирлан кирди да өзүнүн бөлмөсүнө өтүп жалгыз отуруп алып ыйлап жатты. Акмат менен Арууке үн дебеди: "ыйлап бугун-ызасын чыгарып алсын" дегендей болушту. Көптөн кийин Акмат өзү кирип мостоюп отурган Эмирландын жанына барып отурду да, тамагын кыра аста сөз баштады:

- Уулум, сен жигит болуп калбадыңбы, баарын түшүнүүгө акылың жетет, ага ыза болбо, мен баары бир сенин атаңмын, сени Элдос менен Заринадан кем көрбөйм, сен алардын агасысың, - деп бир азга унчукпай калып кайра, - Сен эми баарын түшүн, атаңды да кечире бил, уулум! - деп башын сылады.

- Ата, ата мага анын кереги жок! - деген Эмирлан дагы ыйлады.

- Эмирлан, сен эми бойго жеттиң, акыл калчап иш кылышың керек, жашоодо боло берет. Биз адамдар дайыма жаңылабыз, күнөөгө батабыз, аны бирибиз көтөрөбүз, кечиребиз - жашоо дал ушунун негизинде өтөт. Ошон үчүн биз пендебиз, - деп ойлуу отуруп калды. Эмирлан да үндөбөдү. "Түшүнөт да, көнбөгөндө кайда барат эле" деп ойлогон Акмат акырын сырткы үйгө чыгып Аруукенин жанына отура кетти:

- Байбиче, сен да капа болбо, Эмирландын менден эмес, башкадан укканы жакшы болду, акыры бирөөдөн укканча өзүнүн чоң энесинен укканы жакшы болду, өгөйлүк кылбадым, азыр дагы, кийин дагы Эрланды мен өз балам катары эсептейм, менин улуу балам ушул, андан кийин Элдос. Булар бирине өбөк-жөлөк болуп түбөлүк бир тууган болушат, ошону Эмирлан да түшүнүш керек. Төлөгөн кийин балалуу болбоптур, көп ичип кетип жакындан бери оңолду. Адам катары аны аяп коюшубуз да парз, мени Эмирландан кутула албай жаткан экен деп ойлобо Арууке, жөн гана жакшылап, акыл калчап түшүн!

- Акмат, мен сенин айтканыңды эч качан тескери ойлобойм, сен менин жашоомдогу арка жөлөгүмсүң, сени түшүнөм, - деп муңая жооп берди. Баары ачыкка чыгып Акматтын көңүлү жайлана түштү, анткени ал муну күтүп сарсанаа болуп жүргөн, "бала эмеспи, эртедир кечтир өз атасы эмес экенимди билет, ошондо кантет, азыр эч нерседен капарсыз ойноп-күлүп жүрөт, катуу тиет го бала немеге" деп. "Эми өзү чечет, кааласа барып атасы менен таанышса болот эле, ырас эле: "ала кушту атынан айт" деп бекер айтылбаган да". Төрдө кыңкайып жамбаштай жаткан Акмат ушуларды ойлонуп атты. Арууке оорудан жапа чегип Акматтын теңтуштары отурган жерге да бара албады. Жалаң дарынын күчү менен, укол менен жашап келет. Акмат аны аяп өзү да теңтуштарынан жат болуп кетти. Өткөн азап-тозокторунун азабынан же балдарынын же өздөрүнүн туулган күндөрүн белгилөөнү унутуп калган экен. Көрсө Эмирландын он сегизге толгон күнү жакындап калыптыр. Акмат кубанып алды. Быйыл бир үйбүлөм менен жакшылап конок күтөлү, Эмирланымдын туулган күнүн жакшылап бир өткөрөлү, деп ойлонуп ошол күнгө жолдошторун чакырып койду, бир күн мурун Эмирландын досторун кафеге чакырып жаштарды тойлотмок болду, ага Арууке каршы болду эле Акмат болбоду:

- Кой байбиче, балдар чоңойуп калыптыр, биз түйшүк деп жүрүп баарын унута жаздаппыз, азыр кафе деген балээ чыкпадыбы, Эмирлан эки ортодо кыйналып жүрөт, көңүлүн көтөрүп он сегизге толушун куттуктап койолу. Заман өзгөрүлүп минтип турганда баланы көтөрмөлөп койбосок эки анжы болгон неме чөгүп кетип жүрбөсүн! - деди Акмат.

- Мейли, өзүң эле билчи, байкушум аа-ай, деги аябай жакшы адамсың, сенден башка бирөө болгондо мени эмгиче жерге көмүп жок кылмак, - Арууке күйөөсүнө ыраазы боло сүйлөдү, - деги сенин эч жериң оорубай аман жүрсөң экен.

- Ээ байбиче, ар бир адам пешенеге жазылганды гана көрөт тагдыр буйруп койсо ошону көрбөскө чарабыз жок.

- Аның ырас го дечи, сен мени алганы түйшүк менен эле келе жатасың, көтөрүмдүүлүгүң, адамгерчилигиң сенин алдыңда мени карыз кылып жатпайбы.

- Кой андай дебечи алтыным., Биринчиден, жаш кезимде арзып жетпей калгам, кеч болсо да максатыма жеттим, экинчиден, бир башым өзүң менен төртөө, Эмирлан менен бешөө болуп бапырап отурам, ошондуктан мен өзүмдү бактылуулардын бактылуусу деп эсептей баштадым, ал эми мени өкүндүргөнү сенин оорукчан болуп калганың, ошентсе да маңдайымда отурганың кандай бакыт экенин түшүнсөң минтип айтпайт элең, алтыным.

- Ыраазымын сага, эки дүйнөдө ыраазымын, - деген Арууке жүзүнө жылмаюу пайда болуп, арыктап кеткен бет сөөгү оркоюп муңдуу көзүнө жаш тегерене түштү, - сенин ордуңда башка бирөө болсо тажагандан алда качан качып кетмек.

- Адам ар кыл да жаным, сен ушул ооруңдан сакайып алсаң бир той берет элем.

- Андай күн болбой калды го? - Арууке улутунуп алды. Үнсүз эки адам ойлогондору бирөө, оорусунан айыгып катарга кошулуп калса деген.

Күткөн күн келип Эмирландын туулган күнүнө чакырылган коноктор келип шаңдуу шатыра-шатман күлкүлөргө Акматтын үйү толуп турду. Акматтын чечекейи чеч боло бажырап коноктору менен көңүлдүү отурду. Арууке дагы күндөгүдөн маанайы көтөрүлүп конокторду күлүп жайнап тейлеп жатты. Анда дагы Акмат аны аяп өзү тура калып казан-аяк кармашып ийип атты. Адам өмүрү жалаң күлкү менен өтсө кана, бардык күнү дал ушундай маанайда болсо анда адам бул өмүрдө өкүнбөстөн жашап өтмөк. Ошол мүнөттөрдө Арууке болуп көрбөгөндөй кубанычка толуп келген меймандар дагы, үй ээлери дагы жакшы маанайда Эмирланга дүйнөдө болгон жакшылыктарды каалап жатып анан кайтышты.

Арууке ошонун эртеси салмактанып ооруп калыптыр. Көпчүлүк ага ооруңа дабаа болуп кетсин дешип кичине ичирип коюшкан эле. Жүрөгү дүкүлдөп оозунан чыгып кетчүдөй болуп валерианкадан ичип эс алды. Акмат ага чебелектеп жүрөт. Эки-үч күн жатып анан оңолуп кетти. Баары өз ордундагыдай жашоо өз нугу менен өтө бермек беле, дагы бир кырсык аларды тоорубаганда. Эмирландын мүнөзү кескин өзгөрдү, кээде келсе кээде келбей калып, келсе ичип келип унчукпай жатып алат. Ошону эле азабы болбой, Аруукенин жүрөгүн үшүткөн дагы бир окуя болоорун алар сезишпей, Эмирлан үчүн санааркай баштады…

Керимбек Роза аны менен жолугушпай койгондон кийин аябай кыжаалат болуп жүргөндө кокусунан Нурмат Касымович менен Розаны паркта ээрчишип жүргөнүн көрүп калып аңдый баштайт, алар жай басып баратып бирде Роза анын колтугунан ала башын жөлөй тим эле бактылуу жайнап күлүп баратат, бирде Касымович аны колтуктай улам имере калып чекесинен жыттап койот. Розанын баягы сумсайган өңү жок, укмуштуудай ачылып алган. Аларды көргөн Керимбек ичи күйүп не кылаар аргасын таба албай ызаланып жаман абалга калып шарт бурулуп кайра артын караса алар отургучка отуруп Роза анын ийнине жөлөнүп алыптыр: "Кызык, ушул адамды менден ашык көргөн тура, мени ушуга теңеген эмес экен да, картаң неменин эмнесин жакшы көрүп калды экен, же жөн эле жүрүшөбү? Кантип жөн эле.. улуу киши менен кантип кыналышып отурмак эле?" деп толгон-токой ойлорго жетеленип үйүнө сабыры суз келди. Аны көргөн чоң эне:

- Ий-ий кебетеңден айланайын бокмурун десе, сага эмне болгон? - деди эркелете.

- Эчтеке! - деп коюп көңүлсүз ичке кирип кеткен. Ошол бойдон Барчынай көр тирчилигине карамыгып аны унутуп койгон. Качан гана Кундуз окуудан келип үйгө киргенде:

- Тиги жерде тамак турат, Керимбек экөөң ичип алгыла! - деди оюнда эчтеме жок эле. Кундуз тамакты ысытып анан ички үйгө кирип Керимбекти карап таппай чыгып:

- Чоң апа, Керимбек акем жок го? - деди.

- Ой чунак бала, кайда кетип калды, үйгө киргенин көргөм, чыккан жок эле го? - деген Барчынай өзү кирип караса жок, үйдү айланып эки жакты карап көрдү, анан чакырганда илинүү турган өзү машыкчу жерге барып көрөйүнчү деген ойдо кире калса кудай бетин салбасын: тартайган узун неме асылып туруптур. Бакырып колундагысын таштай салып:

- Ой айланайындар, жардамга кокуй, кара көзүм кашайды! - деп айгай салып ачуу чаңырып жибергенде Кундуз жете келип аны көргөндө бакырып бутунан кучактай өйдө кылып боздоп атты:

- Оой, кагылайын аке, сага эмне болду, оо кудай, бул эмне дегениң, атабыздан эрте ажыраганыбыз аз беле?! - деп ызы-чуу түшүп атканда коңшулары жетип келип секелек кыздын баланын бутунан көтөрүп турганын көрүп арыдан бери чечип жиберишти. Керимбек көпкөк болуп бирок жаны чыга элек экен. Кундуз күч менен бутунан көтөрбөгөндө, жаңыдан муунган эле. Ажалы жок кумурсканын буту сынбайт дегендей Керимбекти тез жардам менен ооруканага алып барып аман алып калышты. Бул кабар Аруукеге жеткенде аз жерден өлүп кала жаздады. Ал кабарды Барчынай жөнөткөн эле: "өз энеси эмеспи, жок дегенде табышып алса менин көөнүм тынчып калат эле" деп ойлонуп атайы бирөөнү жөнөткөн болчу. Ошентип Арууке ага жетип барды. Керимбек жаңы эле эс алып анан уктап жаткан. Жетип келип анын жанына отуруп алып көз жашын төгүп:

- Каралдым ай, мени кечире көр, неге өз жаныңды кыйгың келди, садага? - дегенде ал көзүн ачса Аруукени көрүп тескери бурулуп кетти. Алсыз, зорго жаткан Керимбек үндөбөдү. Аңгыча сырттан Кундуз кирди:

- Кундузсуңбу, келчи кагылайын, келе кой! - деп колун созгондо ал:

- Сиз кимсиз? - деди мисирейе.

- Мен…мен апаңмын, садага!

- Менин апам жок, атам өлгөндөн мурун эле өлгөн! - деп ары барып Керимбектин жанына отуруп алып, - Аке, сиз мени кимге ишенип таштаганы жүрөсүз, мендей чырылдаган карындашыңызды унутуп коюп өз жаныңыздын гана тынчтыгын каалап өлгүңүз келдиби? - деп колдорун кармалай боздоп атты.

Арууке мостойо отурган жеринде катып отурду: "ооба, чын эле менин өлгөнүм качан, туура айтат, бул экөө үчүн алда качан өлгөнмүн" деп сыздап атып көзү караңгылай жыгылып баратканын сезбеди. Ал стол менен кошо кыйч этип жыгылаарда кирип келаткан сестра кармай калды. Ошондо да Кундуз жанына келип койгон жок. Врачтар кымгуут болуп Аруукени башка палатага алып кетип кислород менен дем алдыра башташты. Ошол бойдон үч күн дегенде эсине келди. Акмат араң зорго дегенде таап келди. Анткени Арууке үйдөн чыкканда Заринага бат эле келем деп айтып эле кетип калган. Эми гана көзүн ачкан Арууке:

- Керимбек кандай, жакшы болуп калдыбы? - деп сурады.

- Мен көрө элекмин, сени зорго таап келдим, кайда кеткениңди билбей жаман болдум. Өзүң оорукчан болсоң аясаң боло? - Акмат Аруукенин колдорун сылай күңкүлдөдү.

- Менин биротоло жоголоор күнүм кайда-аа, тирүү болуп санда, өлүү болуп көрдө жок болдум го?

- Арууке, жөнчү бай болгур, ушундай сөздү айтпай, сакайып кетишиңди кудайдан тилесең боло. Заринаң сарсанаа болуп отурат, аларды ойлоп койсоң боло?

- Садагам десе, тезирээк бар аларга, сарсанаа болбосун.

- Мен анан кайра келем, өзүңдү кармап, көп ойлонбой жакшы болуп кет, мен барайын ээ? - Акмат аялын эки бетинен өөп, үстүн жылуулап коюп шаша чыгып кетти. Анткени эки күндөн бери Зарина менен Элдос да уктабай ойлонуп атышкан эле.

Керимбек бир жумадан кийин жакшы болуп калганда Барчынай чыгарып кетти. Ал Аруукенин ооруканада экенин укпай үйүнө барып суу тегеретип чачып Керимбекке ырым-жырымын жасагандан кийин гана Кундуздан укту.

- Чоң апа, биздин апабыз барыптыр, мен аны кагып койдум эле, анын оорусу бар экен, кармап калып жатып калды.

- Аа-аа арам кыз, ал силерди ойлоп жинди болуп жүрөт да, өзүнө-өзү кылды, бечара жакшы эле жан болчу, эмине болгонун билбей калдык.

- Акылы жок аял да, болбосо эмне, - Керимбек арттан сөзгө кошулду, - бул дүйнөдө эне-бала болбой калдык го?

- Өзүнүн балдары менен бактылуу боло берсин, ансыз деле ач арбактай болуп арыктап бүтүп калыптыр, - Кундуз жактыра бербей жамандап атты.

- Кой кызым, миң деген менен ал силердин он ай көтөрүп омурткасы сыздап төрөгөн энеңер болот, силер эненин карызынан кутула албайсыңар, түн уйкусун кечип ак сүтүн берген.

- Ак сүтүн ит деле берип атпайбы күчүгүнө.

- Ок антпе, энени антип күнөөгө батпагыла, - Барчынай неберелерине Аруукенин энелик ыйыктыгын айтып жеткире албай өзүнчө күңкүлдөй берди, "өзүнө-өзү кылды, бет-кат болуп келе албайт, керилген келин болду эле, байкуш сарсанаа убайымдан оорукчан болуп калган окшойт, болбосо азыр анын дың салып жүрө турган убагы да". Керимбек өз бөлмөсүнө кетип, Кундуз дайыма жатчу чоң энесинин койнуна жатты.

Керимбек: "Роза менен Нурмат агай эмнеге жаштардай болуп сейилдеп жүрүшөт, Роза го мейли, агайчы, ал балким аны сүйүп калгандыр, эмнеге мени эмес аны, Нурмат агай бир күнү таштап кетсе кантет?" деп түркүн ойду ойлоп жатып калды.

Роза болсо баягыдай өзүнө келип, жүрөк сүйгөн адамы менен чексиз бактылуулуктун кучагында мемирей өз абалындагыдай боло баштады. Күтүлбөгөн бул өзгөрүүгө Камбар менен Зымырат аябай таң калып: "бул бирөөнү сүйүп калган экен, болбосо мынчалык болбойт эле" дешип ичтеринен сызып жүрө беришти. Дагы эмне болуп кетет дешип сураган да жок. Ата-энесинин өзү үчүн санааркап жүргөнүн билсе да билмексен болуп: "акыры угасыңар, каршы да болосуңар, менин айтканымды туура эмес деп эсептейсиңер, баары бир мен Нурмат менен гана бактылуу боолорумду түшүнбөйсүңөр" деген кыязда ички туюму, өз жүрөгү менен кеңешип өзүнүн алгачкы кадамынын туура-туура эмес экенин түшүнгүсү келбей жүрө берди.

Камбар кийинки күндөрү жаман түш көрүп тынчы кете берчү болду: "Эмне, ооруп калдымбы, мага молдо-солдого дем салдырган окшойт" деп ойлонуп жүрдү. Зымырат го Розанын келечеги жөнүндө ойлоно берип ичтен санаа тарта: "бактылуу болсо болду эле, бир орунсуз бирөөгө жолугуп калбаса экен" деп ойлоп жүргөндө Гүлжигит шашылыш түрдө үйлөнөм деп калбаспы.

- Ой уулум, үйлөнө турган кызың кандай жердин, ким дегендин кызы - ошону так, даана билдиңби? - Камбар уулун олутту карады.

- Анын кай жерлик, кимдин кызы экенин мен кайдан билем, мага кыз жагат, жетишет ошол эле, - Гүлжигит буруя жооп берди.

- Балам, ал кыз кандай үйбүлөдөн экенин билсек болобу? Сага деле жакшы болот, жакшы жердин кызы тарбиялуу болот, - Зымырат да кабатырлана сүйлөдү.

- Апа, мени анын кимдин кызы, кай жерлик экени кызыктырбайт, кыскасы ошол кызга үйлөнөм! - деди Гүлжигит башын жерге салып.

- Мейли, адегенде аны бизге тааныштыр, сүйлөшүп көрөлү, - деди Камбар.

- Жок, тааныштырбайм, ал келе албайт, келгенде гана көрөсүңөр! - деди дагы эле Гүлжигит башын жерден албай.

- Ал эмнеге келе албайт?

- Келе албайт, анткени анын… - Гүлжигит андан ары айталбай күңкүлдөдү, - Аны мага алып бербесеңер анда мен бул үйдө жашабайм, анын… анын боюнда бар!

- Ыя?! - Зымырат чоочуп кетти.

- Болбой калган экен да, демек үйлөнтүш керек, - деди Камбар алакан жая, - Качан алып келесиң?

- Качан болсо, мүмкүн болсо тезирээк…

- Олдо-оо кудай ай, бала чоңойгондо берет экен да азап-тозокту, эми эмне кылчубуз ыя? - Айласы кете күйөөсүн карады.

- Эмне кылат элек, келиндүү болобуз да?

- Балаңды урушуп тилдеп койгондун ордуна кайра… - Зымырат күйөөсүн алая карады.

- Өзүң ойлосоң, боюнда болсо, экөө илгерки экөөбүздүн кейпибизди кийип жүрбөсүн деп ойлоп ийдим да?

- Балам андайга бармак эмес, бул жөн эле бир шумпай кыздын кылып атканы, ал кез менен азыркы кезди салыштырып көрбөйсүңбү? - Зымырат тызылдап жатты, - балаңдан жакшылап сурасаң боло?!

- Эмнени сурайм ай, сен жиндисиң го?

- Жинди-минди эмей эле, ата деген баладан чындыгын сурап билүүгө акылуу да.

- Койчу бай болгур, Гүлжигит эми бала эмес да, жыйырма экиге чыкты, баарын таразалап көрүп анан иш кылып аткандыр, андан көрө тезирээк кам-чомуңду көрө бер! - Камбар "айттым - бүттүм" дегендей сыртка чыгып кетти.

Зымырат зыңгыраган бойдон отуруп калды: "Баш аламан ушул заманда кимге ишенет, кыздар төрөп таштап кеткен ал убакта өтө уят, өлүмгө тете болчу, азыр ар бир экөөнүн бири соо эмес" деп ойлонуп башы катып отурду. Анын күмөнсүгөнүнчө бар эле, Гүлжигит өтө чектен чыккан жигиттерден эмес эле, ал бир күнү жолдош баласынын туулган күнүндө отуруп бир аз ичкен виного мас болуп калган. Жанында отурган шакылдаган Айдана деген кыз өтө шайырданып ага анда-санда тийишип коюп отурган. Негизи Айдана ата-энеси Токмоктон болот. Ал ата-энесинин тилин албай үйүнө кээде барса кээде барбай оюнзоокту жакшы көргөндүктөн жигиттердин улам бирин алмаштырып жүрө берчү. Бирок өзү акча керек болгондо "иштей" да койчу. Анысын кээси билсе кээси билчү эмес. Ошол күнү ал Гүлжигитти абай сала байкап, ата-энеси жөнүндө сураштырганга да жетишти. Акыркы ойлогон максатын дал ушул бүгүнкү түндө ишке ашырууну ойлоп анын ичип жаткан виносуна акырын уйкунун дарысын эч кимге байкатпай салып койду. Бул жагынан дагы өтө опуттуу эле. Эптеп күйөөгө тийип алмак болду оюнда.

Эртеси эрте менен чоочуп ойгонгон жигит көзүн ачып эле караса башка үйдө жатканын көрүп ордунан атып турду. Жанында Айдана жыпжылаңач, эч нерседен капарсыз уктап жатыптыр. Кийимин кийип алып сыртка чыгып баратса оозгу бөлмөдө кыздар-балдар аркы-терки кулап жатышкан экен. Төркү бөлмөгө кандай болуп Айдана экөө кирип кеткенин такыр эстей албай алар уктап жатканда чыгып кетип калды.

Ошол күнү эртең менен үйүнө келип сабагына барбай кечке ойлонуп да не болгонун түшүнбөй башы катып да жата берди. Эртеси сабакка барса кечээги бирге болгон жолдош балдары аны ортого алып аябай урушушту:

- Гүлжигит, ушул кылганың туура эмес да, сени менен кошо биз деле ичтик, сен болсо Айдананы булгап коюп кетип калыпсың. Ал сени сотко берем деп ыйлаганынан биз токтоттук, - дешти жабыла.

- Мен эчтеке билбейм, андайга барган эмесмин, сотко берсе бере берсин! - деген Гүлжигит тетири басып кетти эле ары жакта карап турган Айдана жетип келип:

- Гүлжигит, уятың жок турбайбы, - деп ыйлап артынан үнүн бийик чыгара чакырып алды. Моюнунан байлаган иттей болуп зорго токтоду. Ага жете келген Айдана көзүнүн жашын көлдөтө ыйлап жатты.

- Айдана, мени кечирип койчу, мен андайга бармак эмесмин, билбей калыптырмын…

- Билбей калыптырмын деп кутулгуң келип жатабы, мен эми сени аябайм, балдар-кыздар кой дегенинен чыдап тургам, болбосо кечээ эле сенин үйүңө милиция бармак, - деди албууттанган Айдана.

- Эмне кылышым керек эми? - Гүлжигит айласы кете кайра кыздан сурады.

- Же мени менен үйлөнөсүң же сот алдында жооп бересиң!

- Мына кызык, сотко барганым дурус го, мен эч нерсеге түшүнбөй калдым… - Гүлжигит эмне кылаарын билбей башын жерге салып туруп калды.

- Ооба же жок деп жооп бер, болбосо өзүм аракет кылам, - Айдана биротоло өзүн күнөөлүү сезген Гүлжигитти демитип кирди.

- Ойлоноюн Айдана, убакыт бер, ошончолук эле болуп баратса үйлөнсө үйлөнөм да… - деди Гүлжигит.

- Болуптур, дагы күтөйүн… - Айдана анын "ойлоноюн" дегенине жым дей түштү, - Кайра-кайра дооматымды артып алдыңа келбейм, үч күндөн кийин жолугабыз, ошондо жообун бересиң! - Айдана артына кайрыла тез-тез кетип калды. Анын кеткен жагын карап: "Татынакай эле кыз экен, үйлөнүп алсам деле болот да, апам деле келиндүү болгонду жаман көрмөк беле? Бизде жок эмес, жакшы эле турабыз" деп ойлуу басып кетти. Ошондон тартып Гүлжигит менен Айдана жолугушуп жүрдү. Ортолорунда жалындаган сүйүү болбосо да бири-бирин сооротуу менен өткөн күндөр аларды биротоло бөлүнбөс абалга алып келди, анткени Айдана кош бойлуу болуп калды. Арадан үч ай өткөндө ал дагы кыстап кирди.

- Сен мени эптеп эле алдап басып кеткиң келип жүрөт го, оңой менен кутула албайсың Гүлжигит, уже менин боюмда бар, эми качып көр, - деп ачык эле коркута сүйлөдү.

- Айдана, мен сенден качпайм, ата-энеме айта албай жатам, дагы бир аз чыдасаң, эртең же бүрсүгүнү айтып кеңешип көрөйүн, - деди Гүлжигит айласы түгөнө.

- Тезирээк бүтүр, а то менин ичим билинип калса ата-энем өлтүрөт, анан ачык айтышка туура келет, алар сени аяшпайт, - деди Айдана чындап капа болуп.

Ошентип Гүлжигиттин айласы куруду, ата-энесине айтканга оозу барбайт, айтпайын десе Айдана аны күндө жолугуп кууруп атат. Акыры өзүнө-өзү кайрат бере чечкиндүүлүк кылып айткан кези эле. Камбар менен Зымырат аргасыз Гүлжигитти үйлөнтмөй болушту. Камынып бүтүп, тууган-уругун дос-жарларын чакырып үч машинаны, кыз-күйөө үчүн лимузинди жалдап Гүлжигитти кызга жөнөтүштү. Үйлөнүү-үлпөт жүрүп аткан. Элдин ичи күбүр-шыбыр күлүп да жатышты. Ал эл ичиндеги сөздөр Камбар менен Зымыратка азыр жетмек эмес беле… Тойго келгендердин ичинен Айдананы бир нече жолу сатып алып жүргөн туугандарынын иниси аны көрөөрү менен эле Камбарга агасын жөнөттү.

- Камбар бери басчы, сүйлөшөөр сөз бар, - деди ал.

- Жайчылыкпы деги? - Камбар аны ээрчий басты.

- Кайдан, бу Күлжигит бул кыз менен качантан бери ээрчишип же сүйүшүп калыптыр, айтты беле?

- Жок, жакында эле үйлөнөм деп кабагын карыш салып келип калды.

- Анда тойду токтот, бул кыз тиги өзүн саткан жерде иштеп жүргөн кыз экен, тааныгандар айтып атат.

- Кудай уу-ур, дагы эмне дейт, мен Гүлжигит менен өзүм сүйлөшөйүнчү, - Камбар достору менен жүргөн уулун ээндете чакырып алды.

- Эй бала, сен Айдана менен качантан бери сүйлөшүп жүрдүң эле? - Камбар атайы сес көрсөтө сурады.

- Үч ай болду…

- Болду, тойду токтотобуз, аның өзүн саткан кыздардан экен го, тойго келгендерден тааныганы күлүп атышат дейт.

- Ким тааныйт экен? - Гүлжигит баё сурап койду.

- Азыр Айдананы элдин көзүнчө бетке чаап жаш баланы алдаганы үчүн сабап милицияга алып кетем деп атат.

- Ата, анын боюнда бар да, анан ал дагы Роза эжемдей болуп башка жакта өсүшүн каалабай жатпайымбы?

- Ык… - Камбар тамагына бир нерсе тыгылгандай унчукпай туруп калды.

- Эл айтса алар жашабайт, мен жашайм Айдана менен! Мени менен иши болбосун! - деген Гүлжигит ары басып кетти. Камбар бул укканын ары калчап, бери калчап уулунун сөзүн эп көрүп "жок дегенде нике кыйдырып коюп анан кетирип жиберебиз, төрөсө баланы алып алабыз" деген тыянакка келди.

Той жогорку маанайда, дал азыркы шартта өттү. Гүлжигит менен Айдана жаштардын арасында кубанычтуу күүлдөп отурган. Бир кезде жаштарга тамак алып кирген немени көрүп Айдананын өңү бозоруп-кызарып өйдө карай албай калды. Аны Гүлжигит дароо байкады. Атасынан уккандан бери: "ким болду экен, Айдана менен жүргөн" деп ичтен сарсанаага батып отурган. Ал тайкесинин күйөө баласынын кылган иши экенин сезди да, эч нерсе байкабаган болуп отура берди.

- Келин баланын көңүлүн ачып отургула! - деген Мамат улам чай сунуп, Айдананы кылгыра карап коюп атты.

- Ананчы, аяштын бүгүн Гүлжигит экөөнүн эң бактылуу учуру, - деп баягы достору дагы шарактап отурушту. Айдана андан кийин жанатан берки жаркылдап отурган маанайда боло албады: "Мейли, ата-энеме жүзүм жарык болуп күйөөгө тийип чыкты деген атка консом болду. Гүлжигит өзү чечсин" деп тобокел кылып бир чечимге келди. Чийки май жегендей болгондой Гүлжигит досторунан дагы күмөн санап: "булар атайы уюштурган экен, демек сойку болсо булар дагы ачыгын билет, анда бала менденби же кимден?" деп ойлонуп баятан бери ичпей аткан неме улам-улам алдына келгенди алып жатып мас болуп калды. Аны байкаган Айдананын жүрөгү түшүп калды. Ага жалына кайра-кайра:

- Гүлжигит, ичпей эле койчу? - деп суранды.

- Ичпей кантип отурам ээ достор, мен бүгүн Айдана сулууга, ий баса, канчаларды тамшандырган кызга үйлөнүп атсам, көкүрөгүм сонун болуп көзүм көрүп туруп атагы чыккан кызды алып отурам! - деп мас боло баштаса да эч нерсе айтпай жинин арактан чыгарып атканын сезген Айдананын ичкени ирим, жегени желим болду: "Ай кудай ай, эми абийиримди төгөт го, мындай болоорун билсем..." деп ызасынан ыйлап ийе жаздап аргасыз отурду. Баятан бери "аяш" дешип Гүлжигитке бак-таалай каалап ичип жеп отурган эки-үчөө Гүлжигит иче баштагандан эле чыгып кетип ошол бойдон киришкен жок. Аларды Айдана жакшы билет. Анткени алар Айдананы өзүн саткан кыз экенин эң жакшы билишчү.

Ошентип Гүлжигит ичип алганын көргөн Камбар аялына айтпаган менен ичинен сезип кейип алды. Гүлжигит ошондон баштап түнт болуп кетти. Камбар эл тарагандан кийин, эки-үч күн өтүп анан өздөрү отурганда Зымыратка:

- Кемпир, сени менен сүйлөшө турган иш бар, - деди аны карап.

- Эмне болду? - Зымырат күйөөсүнүн маанилүү сөз айта турганын сезгендей кулак түрдү.

- Мындай… - бир азга ойлуу аялын карап, - Айдана келинибиз сойку болуп жүргөн кыз экен…

- Эмне дейт, аны ким айтты сага? - Зымырат чоочуп, ишенкиребей кайра сурады.

- Ошол эле күнү Мамат айтканын, тойду токтотуп кууп жиберели десем балаң болбой койду.

- Кокуй күн ай, элдин көзүн кантип карайбыз эми, ошону билгем, сен эле болбой койбодуңбу? - Зымырат ачуулана сүйлөнүп жатканда Камбар аны тыйды:

- Болду эми болоор иш болду, балаң кайра Роза эжемдей болуп менин балам да бирөөнүн колунда өсүшүн каалабайм деп койбодубу!

- Оолда кудай ай, эми эмне болот ыя, экөөнү эптеп бөлүп коёлу дагы, Гүлжигитти жибербей коёбуз.

- Акырын, Айдана угат. Оңой кыз эмесинен жаштыгынан пайдаланган да.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, аны өзүм эле кууп чыгам, карасаң дегеле баламдын башын айлантып алганын, билинбей калат деген го? - деген Зымырат жинденип атты.

- Кантет, дегеле мындай эмес элең го, сыйы менен эле кетирип коёбуз, - Камбар аялын тыйганга аракеттенди.

- Ата-энеси кууп келсе жөн эле чабыла бермек белек?

- Болду, аларга киши жиберип койдум. Алар келишсе болгон ишти болгондой ачык айтып, кызын өздөрүнө кошуп беребиз, - дегенде Зымырат унчукпай калды. Ошол күнү эртең менен Айдананын жеңеси келип учурашып, Айдана менен сүйлөштү. Ал ыйлап гана туруп берди. Гүлжигит болсо үч күндөн бери үйүнө келбей койгон. Көпкө чейин экөө сүйлөшүп туруп анан жеңесин Зымырат чайга чакырганда келип отуруп чай үстүндө кечирим сурады:

- Эми-ии, куда-кудагый, ата-эне кызынбы, баласынбы жакшы болсун эле дейт, мындай болоорун билгенде үйгө камабайт белек, алып кетейин, өзү деле өкүнүп атыптыр, - деди тайсалдай.

- Эчтеке эмес, биз деле чын пейилибиз менен берилип той берип анан үйлөнтүп атпайлыбы, "көрбөйт деп уруу кылба" деген сөздүн калети жок, ошол тойдо өзүбүздүн жакындарыбыз таанып, сабап кетирем дегенинен болбой койдук. Тойду тынч өткөрдүк, төрөсө баланы текшертебиз, эгер чын эле биздин бала болсо баланы өзүбүз алып багабыз, - Камбар токтоо сүйлөп түшүндүрүп жатты.

- Рахмат сиздерге, "ачуу душман, акыл дос" дегендей, жакшы адам экенсиздер, биздин кыздан кеткенди кечирип койгула! - деп тигил Айдананы ээрчитип чыгып кетти…

Гүлжигит бул убакта ичип алып баягы туулган күндү уюштурган жолдош балдарына барып алар менен мушташмак болду. Алар андан кечирим сурады эле ал болбой эле:

- Силерге мен эмне жамандык кылдым эле, силер жолдошчулукка татыбаган акмак, же менде өчпөгөн кегиңер бар беле?!

- Гүлжигит, болбодубу эми, биз кечирим сурап жатабыз го?

- Кечирим сураганыңарды урганым жок, уктуңарбы, силер менин тагдырымды талкаладыңар! - деп бирин коюп калды эле, аны бири түртүп жиберди. Тура калган Гүлжигит кубалап жетип бирин кулак түпкө коюп калды эле аны экөөлөп тепкилеп туруп качып кетти. Гүлжигитти бирөөлөр көрүп тез жардамга чалып ооруканага алып кетти. Гүлжигит эч нерсе айтпады. Болгону ичинде кек калды. Алар менен кийин сүйлөшпөй калды. Ошентип Айдананы алып кеткен жеңеси туура үйүнө алып барды. Гүлжигит аны издеп барган да жок. Анын жаман абалда жүргөнүн көргөн ата-энеси көңүлүн улап аны жайгарганга аракет кылып жүрүштү:

- Балам, болбогон нерсеге капа боло бербе да, жашоонун ачыла элек сырлары мындан да көп, так эле китеп бетин улам кызыгып арты кандай болоор экен деп күтүп окуган ачыла элек барак сымал болот. Эми мындан ары бактың ачылсын, - Зымырат уулун көңүлүн көтөрүп, аяп да жатты.

- Ой дагы жакшы балам, учурунда угуп-билип оңой эле кутулуп алдың, болбосо жабышкан балээ болсо эмне кылат элек?

- Ошону айтсаң, ырас болбодубу балам, балакет-салакетиңдин баары кеткен чыгым менен кошо кетсин, башың аман болсо эмеле татынакай кызга жолугасың.

Антип-минткенге билинбей арадан алты ай өтүп кеткен экен, Айдана уул төрөптүр. Аны чакыртып эле баланы текшеришип ал Гүлжигиттен экени далилденди. Камбар менен Зымырат аргасы жок баланы кеңешип туруп алып кетмей болушту эле Гүлжигит:

- Айдананы кошо ала кетебиз, ал деле адам да, жаңылып-жазбаган адам болобу ата, эл айтса айта берсин, ырас мурун билген эмес элем, эми ойлонуп көрсөм аны күнөөлөгөнүм болбойт! - деп ошол жерден эле метиркени өз наамына жаздырып, Айданага кучак гүл көтөрүп барып чыгарып келди. Ата-эне аргасыз тим коюшту. Зымырат ыйлап-сыктап да көрдү, бирок Гүлжигит айтканынан кайтпады. Айдана үйгө келгенден төрөдүм деп жата албай кайната-кайненесине жагуу үчүн эрте туруп короо шыпырып, чай кайнатып, үйлөрүн жууп тазалап, деги койчу, колунан келгенин жасап жаны тынбайт. Адегенде мурду-башын чүйрүп жанына отуруп калса туруп кетчү Зымырат небереси бара-бара Гүлжигитке окшошуп бара жатканына ичи элжиреп алып отуруп калчу болду: "Баш ийбей каякка барат экенсиңер, мени Гүлжигит жактырып турганда" деген Айдана да ичтен компоюп алат. Айдананын ата-энеси Гүлжигитке ыраазы болуп шаардын ортосунан эки бөлмө үй сатып беришти да:

- Айдана, эми эсиң барда этегиңди жый, бактыңа жараша Гүлжигиттин түшүнүктүүлүгүн кара. Күйөөңдү, кайната кайненеңди сыйла, - дешип тынбай каттап кабар алып турушту.

- Апа, мен эми бала эмесмин да, жаштык кылдым, кайра-кайра айтып өткөндү козгобогулачы! - деп Айдана таарыныч кылды бир күнү. Гүлжигит көп ойлонот: "туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы, эгер башкага үйлөнсөм болот беле, анда балам башка өсүп калса мен дагы атамдардай болуп убайым жемекмин, Айданага деле оор болмок" деп ойлоп баласына имерчиктеп өтө жакшы көрөт. Экөө бир күнү жалгыз отурганда Айданадан ичтеги катып жүргөн суроосун берди. Ал муну көптөн бери өзү да күтүп жүргөн, жообу даяр эле.

- Айдана, эмне үчүн калп айтып мени кармадың?

- Гүлжигит, өткөндү козгосоң жандүйнөм сыздап кетет, чынында сени бир көрүп эле сүйүп калганмын. Антпесем сен мени карабайт болчусуң, эчтеке билбей калат деп ойлогон элем…

- Мейли эми, баары өттү кетти, эми менин көзүмө чөп салып, көнгөн тааныштарың менен кетип калбайсыңбы? - Гүлжигит жүрөгүн эзип, тынчсыздана суроосун берди.

- Мен ошентип айтаарыңды сезгем Гүлжигит, касам ич десең ичейин, өткөн кемчилигим үчүн өзүм да сенден уялып жүрөм, бутуңа чөгөлөйүн, кечирип кой!

- Андай дебе Айдана, мен ишенем, сен акылдуу жансың, бирок кайталана турган болсо менден жакшылык күтпө!

- Эч качан кайталанбайт, өмүр бою кулуң болоюн, жаным!

- Баары мага чейин болуптур, ошон үчүн мен кечирдим, сен мен күткөндөй жакшы аял болуп берсең болду.

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Гүлжигитин иниси Нуржигит күндө келип Дилмуратты эркелетип отуруп кетет. Ал быйыл тогузунчу класста окуйт. Айдана болсо жума сайын кайненесине жардамдашып, үйүн тазалап берип турат. Дилмуратты колдон колго беришип, Камбар менен Зымырат жан-алы калбай калышат. Айданада үн-сөз жок, "апа-ата" деп ысык чайын сунуп, тамак-ашын жасап берип эки күн туруп анан үйүнө кетет. Айдананын ата-энесинин жакшы адамдар экенин билгенден кийин Камбар Зымыратка кеңешип:

- Ээ кемпир, бу куда-кудагыйды чакырып күтүп албасак болбойт го, Айдана болсо отубуз менен кирип күлүбүз менен чыгып отурат, ал да бирөөнүн баласы да.

- Ырас айтасың Каке, мен да ойлонуп эле жүрөм, аларда эмне күнөө, баласын эле ким жаман болсун деп ойломок эле, эми ушунча болду жакындан таанышып, коноктоп сыйлайлы.

- Эртең эле Гүлжигиттерди үйгө чакыр дагы келин экөөң дасторконуңарды даярдагыла, биз уулум экөөбүз жакшы союш сатып келели.

- Ошент, "кудай кошсо кубарыңдын акысы барбы" дегендей, куда болгондон кийин чакырып бир кобурашып чер жазышалы.

Ошентип "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей экөө кеңешип кийим-кечени мол алып, ата-энесин, улуу агасы менен жеңесин чакырып коноктогону калышты. Болжогон күнү Байсейит менен Куштаркан улуу уул-келини менен келип төрдөн орун алышты.

Бул учурда Роза өзүнчө бактылуу болуп инисинин үйлөнүү тоюнда деле катышып жүргөн менен апасынын жанында эч нерседен капарсыз жүргөндөй болгону менен: "Менин Нурматты сүйүп аны менен кетээримди укса эмне болушаар экен, тагдыр ай, бизге ушундай жазууну жазган тура" деп кыжаалат. Бирок ошол тойдон кийин анын тагдырында да аргасыз бир окуя болгону калды. Камбардын сөөк өтчү туугандары Розаны жактырып, куда болууну сунуштады. Зымырат адегенде чоочуган менен, кыз алышкан тууганынын айтканын жүйөөлүү деп ойлоп күйөөсүн карады. Камбар аларга:

- Мен кызымдан мурун эчтеке чече албайм, ал бойго жеткен кыз, анын үстүнө азыркы жаштардын калоосу такыр башка, өзү менен кеңешели, кыз-жигит бири-бирин көрсүн, андан кийин көрө жатабыз, - деди.

- Койсоңчу Камбар, бул сөзүң менен болбойт дегенди айтып жаткан жоксуңбу?

- Жо-ок, мени түшүнбөй калдыңар, кызга кеңешпей бүтүм чыгарган убак тээ илгери болчу, азыр өздөрү сүйлөшүп чыкпаса өмүр бою бизге өктөө, таарыныч кылып өтпөсүн.

- Биз деле Роза кызыбызды ыйлатпайбыз, анан бөпөлөйбүз деп ашыкча айтпайм, бирок колдон келишинче бүлө кылып алабыз.

- Кыз өзү билсин, Рыскулдун өзүн жибергиле, таанышсын, анан экөөнүн мамилеси кандай болот, көрөбүз да, - Зымырат да сырын айтып аларга кыз берүүнү туура көргөндөй болду. Анткени алар абдан жакшы турушчу, Рыскул болсо жаңы эле чоң окуу жайын бүтүп мугалим болуп иштеп жаткан.

Роза эч нерседен капарсыз агайы менен өткөргөн ар бир мүнөтү майрам болуп өзүнчө эле бакытка бөлөнүп жүрдү. Аны кандай окуя аңдып турганын сезген да жок. Рыскул аны атайын окуу жайга келип, колуна кармаган сүрөт аркылуу тапмак болуп келген. Студенттердин ичинен таппай көпкө турду. Анан "аны бүгүн таппасам эртең эртерээк келейин" деген ойдо эми кеткени жатканда жалгыз гана чыгып келатканын көрүп: "Оо, оңой сулуулардан эмес го бул, деги мага көңүл бураар бекен" деп бир аз тартынып, сүрдөп туруп калды. Жанына бара албады. Артынан акмалай үйүнө узата келди да, ал кирип кеткенден кийин бир топтон кийин үйүнө кирип барды. Анткени өз үйүнөн туугандарча таанышуу ага оңой сезилди. Өзү бош, мокок болчу. Рыскулдун келгенин көргөн Камбар утурлай тосуп алды:

- Оо кел, кел иним, бу кайдан?

- Жөн-жай эле, шаарлап жүрөм да.

- Жакшы-жакшы, үйгө кирип чай-пай ич!

- Жок-жок, жөн эле учурашайын деп келгем.

- Рахмат, туугандын топурагы алтын деген ырас, ушу сен бизди эстеп учурашканы келип калыпсың, конок болуп кетесиң да.

- Ой жок, - Рыскул кетем деген менен оюнда Роза ушул бүгүн байкатпай сынап, өзүнө көңүл бураар, бурбасын билгиси келип турду. Үйгө кирген ал Роза менен бет маңдай отуруп чай ичип атып улам көзүн кызга жиберип анын мисирейип отурганынан өзүн ыңгайсыз сезип: "өзүн көтөргөн неме окшойт, буга мен сени сүйөм деп жалдырап жүрөмбү, же мүнөзү ушул болду бекен" деп бушайманданып отурду. Чай ичип бүткөнчө Роза аны бир жолу да тиктеп койгон жок. Ата-энесине, ага чай куюп сунган менен өзү жалгыз отургандай суз отура берди. Рыскул бир туруп: "кызды ала качып кетсе эле баш ийет да, ата-энеси болсо макул болуптур" деп ойлоп алды да, ала качып эле ала турган болду: "мисирейгениңди көрөм" деп ойлоду ичинен. Анын андай арам оюн эч ким билбеди.

Роза эч нерседен капарсыз сабакка барат да андан кийин эч кимге көрүнбөй Нурмат менен анын үйүнө кетип калып түш ооп калганда гана үйүнө келет. Андай күндөрдүн эчени өттү. Аттиң, адамдын жыргал күндөрү узак болсо кана, тилекке каршы көңүл эргиткен, жүрөк эриткен мүнөттөр дайым эле аягы кейиш менен бүткөнү өкүнөөрлүк.

Рыскул үйүнө барып атасына ала качып келүүнү айтты эле ал кубаттап койду:

- Туура кыласың балам, тай туйлап такка конобу дейт, кайда бармак эле, Камбар бизди кыйбайт, атасынын көрү! Алып кел балам, - деди төшүн кага.

Ошентип Розаны ала качууну чечип, үйдө даярдык көрүп бапырап эле келин-кыздар боорсок жасап, көшөгөнү атайы ырымдап жашы өткөн, жакшы аялга тарттырып күтүп калышты. Эки күн өтүп, үчүнчү күнү Розаны боздотуп салып келишти. Келгенден эле чыркырап: "отурбайм!" деп ыйласа да кемпир-кесек, катын-калач күчкө салып жоолук салып атып тамшанып атышты:

- Ботом, Зымыраттын эле өзү экен, ал да жаш кезинде дал ушундай татынакай келин эле, кой айланайын, ала качкан кыргыздын эчактан бери келаткан салты, кызды ушинтип эле алакачып алып отургузуп койчу.

- Ооба десең, азыркылар бактылуу ай жеңе, бизди ала качкандай атка өңөрүп келсе жаман болмок.

- Чын эле ай, зымыраган Ауди, жип менен келишет.

- Болду ай келиндер, өзүңөрдүн багыңардан көргүлө, өкүнсөңөр эми төрөлбөйт белеңер? - улгайган аял жулунуп жаткан Розаны кармай албай алы кете баштаган, - Андан көрө келгиле, келинди отургузгула!

- Кой айланайын, "кыз жыргаар жерине ыйлап барат" дейт го улуулар, Рыскул жибектей созулган жакшы жигит, оо ага далай эле кыздар жетсек дегенде так этип жүрөт, өзү сени арзып алып келди садага! - Шайы кетип Роза үндөбөй отуруп алып ичинен ар кайсыны ойлонуп атты: "мен Нурматка гана арналышым керек, эч качан бул жерге отурбайм, эгер кете албасам аргам жок өлүп тынам" деген ойдо отура берди. "Келин отуруп калды" дешип ар кимиси өздөрүнчө жууп, көбү мас болуп калган. Рыскул болсо: "жаткыргыча көзүнө көрүнбөй эле коёюн" деген ойдо анча-мынча сеп этип алып кызга шердене күч менен кайраттуу кирүүнү ойлоп эки-үч балдары менен үй артында ичип отурган. Тамак ичилип бүткөндөн кийин дагы бака-шака болуп Розанын жанына эки-үч эле жашыраак кыз калган. Роза анын биринен шыбырап ажатканага ээрчитип барууну суранды эле ал кыз текилдеп ээрчий жөнөдү. "Эшикке эле чыксам" деген ою орундалып, сыртка чыгып эки жакты абайлай карады. Эшикте эч ким жок, эмеле мал союлуп шорпо бышкан жакта иттердин ырылдашып сөөк талашканы болбосо, биердегилердин баары азыр бакылдашып үйдө отурушкан эле. Роза дароо короодон чыга жөнөдү. Түнкү ондор болгондуктан жолдо эч кандай машинанын жогунан беш-алты көчө жүгүрүп барды да, андан ары дагы көпкө жүрдү. Анан жолдон бир улгайган адамга жолугуп, ага жалдырап ыйлап ийди. Ал анын сөзүн угуп ичинен кымылдай өзүнүн үйүнө ээрчитип барып бир жыргап алмай болду. Анын сүйлөбөгөнүнөн улам коркуп кеткен кыз жол боюндагы жарыгы күйүп турган үйдү карай жүгүрдү эле тигил аны кууп жетип колунан тартып:

- Ээй сулуу кыз, каякка, сени мен эртең менен эрте маршруткага же таксиге салып ийем, - деп айтканда оозунан арактын жыты буркураганынан Роза жанталаша кыйкырып жиберди:

- Жарда-аам, жардамга! - дегенде тигил зөөкүр анын оозун баса сүйрөп жөнөдү эле, кыз сүйрөлүп баспай жулунуп атканда үйдөн аял-эркек кошо чыгып келип Розаны зөөкүрдөн куткарып калышты. Ал ошол айылда жашаган, үйбүлөсү жок, ичип жүргөн, түрмөдөн чыккан адам эле. Үйдөн чыккандар аны жакшы тааныгандыктан, ал эчтеке дей албай басып кетти. Багына жараша жакшы адамдарга туш келгенине кубанган кыз ичинен кубана эптеп жатып алып эртең менен кетүүнү ойлоп аларга ыраазылыгын билдирип ыйлап жатты. Эртеси таң агараары менен таксиге отурду да, туура эле Нурматтын үйүнө келип аны кучактап ботодой боздоп жатты.

- Мен сизсиз жашай албайм, менин сизге деп арнаганымды өз эрким менен сизге гана аруулаймын, алыңыз! Бөөдө башка бирөөгө жем болуп кала жаздадым, көңүлүм келбесе, жүрөгүм сүйбөсө кантип жашайм?! - деп Нурматтын төшүнө жөлөнүп кучактаган бойдон сүйлөй берди.

- Кагылайын асылым ай, сага мен садага болоюнчу, жан биргем, кыйнадың го, тагдырыңды талкалабайын деп жатпайымбы?!

- Эмнеге, сиз үчүн менин жаным кетсе кайгырбайм, мен сиз менен отуруп көз жумсам арманым жок, сиздин жаныңызда бир мүнөт болуу мен үчүн кандай гана ырахат, агай!

- Жарыгым, ырысым менин! Ардагым да, арманым да сен болдуң го, ата-энең каршы болот го деп тартынып жатпайымбы?

- Мен сендикмин агай, кайда десеңиз жетелешкен бойдон өлүмгө да барууга даярмын!

- Алтыным… - Нурмат ушул учурда гана кыздын айткандарына чындап ишенип, көзүнүн жашын төгүп турду.

- Мен да сендикмин ардагым, сенсиз мага өткөн күндүн кызыгы да сезилбей калды, эми экөөбүздү өлүм гана бөлбөсө эч ким бөлө албайт! - Нурмат кызды жүзүнөн кумарлана аймалап, алкымынан өөп, анан эмеле өзү жаткан, жылуусу тарай элек төшөгүнө көтөрүп барып жаткырып, бериле, колдору калтырай бүткөн боюн сылап келип кийимин чечиндире баштаганда Роза анын колдорунан сылагылай каршылык көрсөтпөстөн сулк жатып алып Нурматтын денеси денесине тийгенде өзүнүн эрип баратканын сезип, көздөрү тумандай ашыгынын кумарлуу жытына мас болуп көздөрүн жумуп алып аймалашып көпкө жатышты:

- Агай, - деди бир кезде Роза, - ушул мүнөттөрдө өлсөм арман жок эле, эңсеп сүйүп, жүзүңдү бир көрүүгө зар болуп куса болгон күндөрү сиз менен ушинтип алгачкы таза сезимимди арнаарымды элестете алган эмес элем.

- Асылым ов, эритип ийесиң го, туура айтасың, дал ушул кезде сенин ырахатыңан, жан жыргаткан мээримиңен кубат алып! Өткөн армандарды жууп кетти го аттиң, бактыма сени жолуктурган жаратканга миң мертебе ыраазымын! - деген Нурмат менен Роза белгисиз чексиздикти карай мемирей көлкүлдөп эрип коргошун болуп бир төшөктө жуурулуп жатты…

Розанын сыртка чыгып кеткенин билгенден кийин баары тызылдап издей башташты, коңшуларынан сураштырды. Айлана капкараңгы түн. Жол ээн, эч жерден таппай калып түнү менен сарсанаа болушуп таң атаары менен бир машина болуп Камбардын үйүнө түшүштү. Алар келгенде үйдө Камбар менен Зымыраттан башка эч ким жок эле. Камбар алардын сөзүн угуп алып кабатыр боло аларга нааразы болду:

- Ал эмне деген жоругуңар деги, өзүнө жолугуп сүйлөшүп, шашпай таанышып сырын тартып, көнүшкөндөн кийин деле ала качсаңар болот эле го?

- Капырай десең, түнү бою таанышы жок жерде кантти кызым байкуш, ушуңар үчүн жооп бересиңер! -Зымырат жинденип аларга бир тийди.

- Кайдан билдик, кызды ала качып алат го, минтип качып кетээрин түк билген жокпуз, - Рыскулдун атасы Топчубек күнөөлүү адамдай күңкүлдөдү.

- Ээй Топчубек аке, ал замандын өткөнү качан, эмки кыздар ошого болобу, кокус түндө бир балээге кабылды бекен, кыз макул болсо анан көрөлү дебедим беле ыя!

- Камбар ачууланбачы деги, анда ошол эле айылдан бирөөнүкүнө жаткан экен, эми келет, капа болбочу деги, кызыңды аман-эсен табылса келин кылбай эле коёюнчу!

- Сенден кыз аябадым, малдай ала качпай адамдай болуп сүйлөшсүн десе… - Камбар менен Зымырат ичтеринен тымызын: "бу кыз соо эмес, бузулуп калса керек, болбосо кантип, эмнеге качмак эле" дешип убайым жеп отурушту. Түн оогончо чогулуп Розаны күттү, ал келбегенден кийин айлалары куруй: "кудай ур, карап отурбай катындардын кылганы, эми аман-эсен болсо болду эле" дешип алар да ичтеринен сызып кетишти.

Роза бул убакта Нурматтын төшүнө башын коюп оң колу менен бекем кучактап уйкуда жаткан. Экөөнүн ойгоноор түрү жок. Ушул көз ирмемчелик ырахатты жоготуп алуудан коркуп көздөрүн жуумп жата беришти. Экөө тең миң жылдык өмүрдөн көз ирмемчелик ушул бакты артык эле… Бир кезде Роза оодарылып кетти, анын апакай жүзүн, акактай жумуру денесин баш көтөрө карап алып: "ардагым менин, асылым, мен сен үчүн гана бармын, болбосо мен сенсиз куураган даракмын, суу жетпей соолуган мөмөмүн" деп көпкө карап отурду. Уйкусу канган Роза ойгонуп Нурматты жанынан сыйпалап таппай калды. Ал жуунуп жүргөн эле. Анан турду да жуунуп аткан Нурматтын артынан барып кучактап далысына жөлөнүп:

- Менин бактым, сиз болбосоңуз мен бул дүйнөдө соолуган булакмын, соолуган гүлмүн, эгизинен адашкан ак куумун!

- Мен дагы, жаным, - Нурмат ушул мүнөттөрдө жалган-чынына ишене албай көздөрүн жума артына бурулуп Розанын жүзүнөн, бүт денесинен жыргап жыттап алды, - Өрттөнүп баратам го, сенин сүйүүң мени акылымдан адаштырып баратат, асылым менин… - Экөө көпкө чейин аймалашып туруп анан: - Жуун, чай ичели, - деди Нурмат.

- Өмүр бою ушинтип эле кучакташып, сиздин коңур жытыңызды жыттап тура бергим келет, кусам тарабай атат, - деп Роза көздөрүн жалжылдата Нурматты чоп эттире эки бетинен өөп коюп жуунганы басты.

Ал күнү Роза окууга барбады. Нурматтын жүрөгү элеп-желеп болуп жаш кезиндегидей оолугуп, өзүнчө эле кудуңдап баратты жумушуна. Ал келгенде Камбар окуу жайдын эшигинде студенттердин кай биринен бирдемени сурап турган. Нурмат эч нерседен капарсыз келаткан эле, аны Камбар токтотту:

- Атсалоому алейкум!

- Алейки салам, - Нурмат аны бүшүркөй карап жүрөгү болк этип алды.

- Сиз билбейсизби, Камбарова Роза деген кызды?

- Аа-аа билем-билем, кирип курсташтарынан сураңыз, балким ал келип калгандыр… - деп өзү андан алыстаганга аракет кыла басып кетти. Камбар эч нерседен капарсыз кирди да ар бир кыздан сурады эле алар кечээ келбегенин айтышты. Эч кабарын биле албай үйүнө келди. Зымырат болсо ыйлап алган:

- Садагам ай, кандай күнгө туш болдуң экен, караңгыда качып чыкса, тааныбаган айылда зөөкүрлөргө учурап калдыбы, ай кудай ай, деги аман-эсен болгой эле…

- Кудай сактасын кемпир, жакшылыкты ойлочу, жаман ойлобой, - Камбар аны жубата сүйлөгөн менен өзү деле ичтен чоочуп турганын билдирбеди.

Нурмат жумушуна келип жолугуп коюп шашылыш үйүнө жөнөдү. Анын санаасы санга бөлүнүп: "Атасы го, абдан окшош экен, салабаттуу эле киши экен, колумду куушуруп алдына Розаны ээрчитип барсамбы, балким түшүнөөр, апасычы?" деп ойлонуп үйүнө кантип жеткенин сезбей калды. Келип эле Розанын отурган жеринен кучактай жүзүнөн сүйө:

- Роза, сени атаң издеп жүрөт! - деди кызды карай.

- Билем, алар мени издеп кабатыр болуп жатышат, бир азга кечиксем эле издей беришет, - деди ойлуу Нурматка жөлөнүп.

- Эмне кылыш керек?

- Эч нерсе… алар мени түшүнүшпөйт… мен сизден ажырагым келбейт, өлсөм сиздин койнуңузда өлөм, үйгө барбайм! - көздөрүнөн мончок жаш куюлуп кетти.

- Мен сени ээрчитип алып эле барсамчы? - кызды сынай карап жооп күттү.

- Жо-ок, андан көрө таптакыр дайынсыз, ээн-эркин жашай турган жакка кетип калалычы?!

- Анда ата-энеңе кыйын болуп калат го, андан көрө мындай кылалы, Роза, - Нурмат маанилүү сөз айтчудай анын көздөрүнө тигилди, - сен бүгүн бар, аларга Россияга кетээриңди айт, мен жумуштан чыгайын, эмики жума күнү кел, экөөбүз кетели!

- Макул, акылдуум менин, бакытым, ырысым! - Роза сүйүнүчтөн жүрөгү лакылдай сүйгөнүн беттеринен өбө берди.

- Анда мен бүгүн арыз жазып жумушумдан бошоноюн, сен үйүңдөгүлөрдүн санаасын бас, анан экөөбүз "кайдасың, Россия!" деп жетелешкен бойдон кетип калабыз, - Нурмат кыздын көздөрүнөн өөп койду. Нурмат кантсе да жашап, акыл токтотуп калган неме: "мен эмне акылдан адашып жатам, агам менен жеңеме муну түндөп алып барып нике кыйдырып коёюн" деп ойлоду да, Розанын кулагына шыбырады:

- Сен менин тилимди аласыңбы, жаным?

- Мен сени өмүр бою угам, өмүр бою, сен өл десең өлөм, жаша десең жашайм, менин мындан аркы ар бир мүнөтүм сени менен гана бактылуу! - деди Роза.

- Күчүгүм десе, анда мындай кылалы, бүгүн мында эле бол, мен билмексен болуп барып арыз таштап келейин, кечинде менин үйлөнүшүмдү күтүп жүргөн агам менен жеңеме барабыз. Ал жерден нике кыйдырып анан сен үйүңдөгүлөргө бир ооз айтып кел, анан биз сызып кете беребиз. Мени көрсө ата-энең каршы болот, жөн эле окууга көңүлүм жок де… - деген Нурмат шаша чыгып кетти. Ал сүйлөшүп өзүнүн арызын жазып Розаны сырттан окуу бөлүмүнө которуп койду, контракт менен. Ошентип ал бат эле үч күндүн ичинде баарын бүтүрдү да агасына барып ачыгын айтып туруп ырымын жасатып нике кыйдырган соң жөнөмөк болду. Кетээр күнү гана Роза үйүнө барды. Аны көргөн Камбар менен Зымырат кубанып кетти.

- Кагылайын, кайда жүрдүң, жүрөгүм түшүп калбадыбы? - Зымырат кызын кучактап өпкүлөп ыйлап жатты, - деги аман соо элесиңби, садага?

- Сопсоо элемин, көрүп турбайсыңбы апа. Тигилериң айбандан да арыраак экен, ошолордон корктум, дагы келип алып кетеби деп.

- Коркпо секетиң кетейин, аларга эми бербейбиз, айтпай ала качкан тура, коркпой эле окууңду окуп жүрө бер.

- Апа, мен окуумду сырттан которуп алдым, бүгүн саат жетиде Россияга кеткени жатам, бир-эки жыл иштеп келейин…

- Эмне дейт кокуй күн, Россияда эмне бар экен? Эмне, бир нерсе жетишпей атабы?

- Жок апа, мени түшүнгүлө атам экөөңөр, эки жакты көрүп иштеп анан акча таап келем да!

- Акчаң менен куруп кал, силерди кейитпей-кемитпей багалы деп атаң экөөбүз тиги малдарды багып атпайбызбы?!

- Апа, мен кечигип калам, мен кыздар менен кетип атам, билетти алып койгонбуз, жөнөйүн, - Роза апасын жылмая карап алып анын көзүнөн куюлган жашты сүртүп эки бетинен өөп, анан эч нерсе дебей ойлуу отурган Камбарга келип эркелей мойнуна асыла:

- Ата, мени кечиргиле, силердин тилиңерди албай же кеңешип койбой кетип жатканыма… - деп көзүнүн жашын кылгырта, - Мени кечиргиле, кошкула! - деди да чыгып кетти. Камбар эч нерсе дебеди: "бул кыз соо эмес, бирөө менен кетип жаткан го, окуусун дагы таштаптыр…" деп ыйлап үнсүз отурган аялын аяй карап тура берди. Ачык айтпаган менен экөө тең дилинде бир нерсени сезгендей түпөйүлдөнө үнсүз бир топко отура берди. "Аттиң, өз колубуздан өспөй бөлөк адамдай гана кайдыгер болуп калбаганда бирдеме десек болмок, мейличи, жаш эмеспи, барса барып алаксып келсин" деген ойдо болду Камбар: "Капырай, колунда акчасы жок кантип иштейт, бөлөк эл, бөлөк жер болсо.." деген Зымырат өзүнчө кыжаалат. Бирок канткен менен бир шойком болгонун сезбей коюшкан жок. Тагдыр деген адам баласына бүт жашоосун өзү каалагандай өзгөрткөн алланын мыйзамы бар экенин да эстебей коюшпады…

Роза Нурматы менен кандай тоскоолдук болсо да кайыл болуп жеңүүгө, турмуш деген ары азаптуу да, машакаттуу да жолду бирге басууга бет алды. Анын оюнда бир гана нерсе - Нурматтан айрылбай өмүр бою бактылуу жашап, аны уул-кыздуу кылып кубантуу. Турмуш деген адам баласын каалагандай калчап, ошол сыноодон өтсөң анан максатыңа жетесиң, сыноодон өтпөй болоор болбоско өзүңдү таштап жеңилдик кылсаң анда тебеленип жерде калаарың эч кеп эмес...

...Нурмат өз кесибинде жумуш табуу оңой эмес экенин түшүндү. Бири-бирин сүйгөн жүрөктөрдүн күчү, деми менен бир айга чейин шаар кыдырып бир жагы саякаттап, бир жагы жумуш издеп жүрүштү. Бирин-бири тааныбаган чоочун шаарда Нурматтын академик экени, кадыр-барктуу адам экени баары бир эле… Ал ага кайыл, өмүр бою күтүп жүргөн, жүрөгү менен берилип сүйгөн чүрөгү жанында экенине гана шүгүр кылып калган өмүрүн Розаны жетелеп дербиш болуп жүрүп өтүүгө да даяр. Бир айдай батир жалдап алып жумушсуз жүрүштү. Бир күнү Нурматка өзүнүн Москвада жашаган таанышы жолугуп калды. Сүйлөшүп туруп аркы-беркини айткан соң ал Иван Тимофеевичке сырын жашырбады. Ошондо ал ага:

- Ой Нуке, ошол да кеп бекен, сендей адамга жумуш таппай койсок болбой калбайбы, сени эртең эле өзүм иштеген окуу жайга алып барып орноштурам, - деп Роза менен таанышып аларды батирден чыгарып өз үйүнө алып барды.

- Ыраазымын сага, Иван, - Нурмат чын дилинен ыраазычылыгын билдирип Розаны кучактай кубанычтуу, - Иван дос, картайганда ушу көгүчкөндү колума кондуруп алып жер кезип жүргөн кезим, - деп жетине албай отурду.

- Абдан жакшы досум, жакшы кылыпсың, өмүрүңдү бекерге өткөрбөй ойдогудай жашап өтүш керек! - Иван аны кубаттап койду. Ал мурун Кыргызстанда кыргыздар менен жашап кыргызчаны так сүйлөчү, алар сүйлөшүп отурганда аялы Лена аларды карап күлүп коюп отура берди. Ошентип алардын жашоосу оң жагына бурула турган болду. Кечинде өздөрүнчө төшөккө жатканда Нурмат Розаны кучагына бекем кысып алып:

- Ырысым менин, жолуң жакшы экен, мына кудай буйруса Москвада өз кесибим боюнча иштей турган болдум, сени да жумуш болсо иштетип коём, - деп өпкүлөп тээ карааны алыстап кеткен жаштык чагы кайрылып келген сымал жүрөгү ээ бербей дүкө-дүк согуп, жанындагы ай чырай келинчегинин жытына магдырап, анын колтугунда ушуга ыраазы болуп мойнуна колун артып бир колу менен кучактап бактылуу, өзүн ар кайсы жеринен өөп коюп жатканына кубанычтан жүрөгү оолугуп жатпайбы?! Ушундай бакытты өзү келет деп түк ойлобогон Нурмат алапайын таппай өмүрү өткөнчө ушу секелек кызды ыйлатпай, оорутпай жан шерик кылып берип койгон жаратканга ыраазы.

Жумуш орду ойдогудай болуп ишке көңүлдүү киришкен Нурмат үйдөгү өзүн күтүп отурган сүйүктүүсүн көз алдына элестетип алып өзүнчө жылмайып, жумуш күнүнүн тезирээк эле бүтүшүн самап, эртерээк эле келинчегинин аппак жумуру белектери мойнуна оролуп эркелегенине төбөсү көккө жетип махабаттын аруу сезимдери буйруган тагдырына ыраазы боло магдырап жатып алып бакытына баткысы келет. Роза андан бетер анын улуулугун ойлогусу да келбей: "мен бактымды таптым, Нурматтын жанында олтуруп кучагында коңур тер жыттанган жытынан искеп, сүйүүмдүн кадыр-баркына жетким келет, өмүр бою сыйлап өтсөм экен. Атам мени түшүндү окшойт, апам кантсин аял да, кейип-кепчип калды, түшүнүшөөр, кечиришээр…" деп ойлуу отура берет. Лена дагы күндүзү иштегендиктен жалгыз калып эригип телевизор көрөт, Нурматтын бат эле келүүсүн эңсейт, күтөт.

Арадан бир ай өткөндөн кийин алар өздөрүнчө бөлүнүп жашай башташты. Ошол убакта Роза кош бойлуу экенин билди. Аны уккан Нурматтын сүйүнгөнүн айтпа, арзып сүйгөн адамынан өмүрү өтүп баратканда бала деген жан дүйнөнү ээрчитип кубанычка бөлөгөн тукум улаар наристенин жытын искегени турса. Кайра-кайра Розанын курсагын сыйпалап биринчиси уул болушун каалагын билдирет.

- Жаным менин, өмүрүмдүн кышка айланаар кезинде жолугуп бакытка бөлөдүң, эми минтип өмүрүмдү узартканы турасың, ыраазымын сага! - деп эркелете жаткан жеринен көтөрүп алып айланкөчөк болуп, көзүн сүзүп ан сайын эркелеп кеткен келинчегин өпкүлөп, көздөрүнөн чопулдатып кайрадан керебетке оролуша кетет.

- Роза, биринчиси уул болсун, ээ? - дейт кубанычтан жүрөгү элжиреп толкунданган Нурмат.

- Макул, сен эле каалагандай болсун, сенин гана тилегиңди орундатса экен кудайым.

- Жаным, кичинекейим… - Ого бетер эргип кетет Нурмат.

- Бактылуусуңбу, Нурмат? - Роза күйөөсүн жалжылдай сурады.

- Аябай, аябай бактылуумун, ушу күнгө жеткирген сага эки дүйнөдө тең ыраазымын, асылым…

- Мен дагы бактылуумун, чексиз бактылуумун! - күйөөсүн бекем кучактап алып мурдунан, көзүнөн, маңдайынан өөп жүдөтөт.

- Ушу сенин кучагыңда думугуп өлсөм да арманым жок, асылым!

- Экөөбүз бир өлөбүз, ээ? - Роза капысынан оюна келгенди айтканда Нурмат чоочуп кетти:

- Койсоңчу жаным, андай сөздү айтпай жүр, сен али жашсың, мен болсо элүүгө жакындап калдым, ойлонбой жүрчү өлүмдү, макулбу? - Нурмат аны кучактап алып ойлонуп калды.

- Мен сенден калгым келбейт, айтсаң Нурмат, экөөбүз бир күндө өлөбүз, эгер мен мурун кетсем сен калып калба ээ, аякта сенсиз кантем?

- Роза, азыр өлүмдү ойлоого али эрте, андан көрө экөөбүз балдарды чоңойтуп, келин алып, кыз беребиз, сен элечек кийген сулуу кемпир болосуң, мен чал болом!

- Нурмат, мени алдабачы, мени менен чогуу өлгүң келеби же мен өлүп калсам жашай бересиңби?

- Ой кокуй күн оо-ой, эмне эле кайдагыны айтасың, сен эч качан өлбөйсүң, ал эми карыганда, балдарыбыз өзүбүздөй болуп балалуу болуп калганда сөзсүз чогуу өлөбүз, - деп Нурмат аны бетинен аймалап өөп сөздү башкага бурууну ойлоду, - Роза, эртең телеграфка барып ата-энең менен сүйлөшүп келели, ээ?

- Макул, эмне деп сүйлөшөм? - Роза наздана каштарын керип койду.

- "Мен жакшы эле жүрөм, акыбалыңарды билейин дегем, инилерим, келиним жакшы жүрөбү, менден кам санабагыла", - деп айт!

- Сиздин айтканыңыздай болот! - Роза кубанып алды.

Эртеси чындап эле кечиндеси экөө кечки Москванын аппак карын кычырата басып, суугуна ичиркене кыналышып телеграфка келди. Аны ошол жерден Рыскул көрүп калды. Анткени ал Розаны жакшы көрүп калып жумушунан бошоп Россияга келген. Келгенден бери такыр таба албай бүгүн атайы Бишкектеги Розанын ата-энесине дагы айтып, өзүнүн энесине сүйлөшүүнү ойлоп почтага келген. Роза аны байкабай эле Нурмат менен кучакташа телефонго карточка алып кабинага кирип кетти. Аны көргөн Рыскул таң болуп эле туруп калды: "Кызык, жанындагысы ким болуп кетти экен, бул кишини бир жерден көргөндөймүн… Ий баса, профессор Нурмат Касымович го, бул экөө эмне кылып жүрүшөт, ата-баладай болуп?" деп ойлонуп кабинадан Розалардын качан чыгып кеткенин байкабай калган экен, жүгүрүп сыртка чыкса эч ким жок, ары-бери карап таппай калды: "Ай иттики, жок дегенде акмалап барып жашаган жерин көрбөйт белем!" деп кейип айласы кетип туруп калды… "Шашпа түбү табамын сени, эгер сени баш ийдирип өзүмдү сүйдүрө албасам элеби, эркек болуп басып жүрбөй эле койдум" деп көпкө туруп, анан жатаканасына илкий басып жөнөдү. Ызаланды, кектеди, жүрөгү сүйүүнүн отуна күйүп жалындаган жигит Нурмат Касымовичтен кызганып атты: "Кызык, ал эмнеге аны менен кучакташып жүрөт, жаштар турса артынан жүгүргөн, улгайган адамга кыналышып алганын кара" деп жаны жай албай тыбырчылап жатты…

Эч нерсе оюнда жок сүйүшкөн жубайлар жакында төрөлчү наристенин камын көрүп базарга чыгышкан. Ошол көчөдөн дагы Рыскул ал экөөнү көрүп тартынбай эле алдынан чыкты. Карпа-күрп алдынан чыга калып дублёканын ичинен курсагы бөрсөйүп калганы көрүп бир азга делдээ туруп анан:

- Роза! - деди өзүнөн өтө бергенде. Артына кылчая берип Рыскулду тааный албай карап туруп, анан Нурматты кучактап алып:

- Кеттик, бол тезирээк, тигил мени… мени издеп жүрүптүр! - деп шаштырып арышын кенен алганда Нурмат аны карай:

- Эмне болду секелигим, эмне коркуп атасыңбы? - деп артын караса бир жигит басып келаткан экен.

- Ассалом алейкум, Нурмат Касымович! - деди Рыскул аларга жете келип колун суна.

- Алеки салам, кайдан, жигит?

- Мен Бишкектен… Роза карындашым болот, көрө калып эле учурашайын деп…

- Аа-аа жакшы, биз жакын турабыз, кээде көчөгө чыкканда мен кошо чыгам… - Нурмат ага ачык айтпай бүдөмүктөтүп койду.

- Ийи… бир нерсени сурагым келип... - Роза, турмушка чыгып алдың беле? - деп сурады.

- Ооба, - Роза аны жактырбагандай жооп берди.

- Мейли анда, бактылуу бол! Жакшы барыңыз, Нурмат Касымович, - деди да башка чапкандай бурулуп тез-тез басып кетти.

- Нурмат, бул баягы мени жырткычтай аңдып жүрүп ала качкан неме, корком… - деп ыктай кетти.

- Эселегим десе, эмнеден коркосуң? Мына эми көрдү, түшүндү, - деп Розаны кыса кучактап алып Россиянын көчөсүндө капарсыз кетип баратышты.

Улам Розанын айы жакындаган сайын Нурмат айланчыктап жүрөгү жаш жигиттей оолукканы көбөйдү. Кубанычтан да жүрөк силкинет, кайгыга эзилгенде опкоолжуйт, деги адам баласы кайгы-кубанычка туруштук бере албаганы өкүнүчтүү. "Кызык, эмнеге эле жүрөгүм болкулдайт, жакшылык эле болсо экен, Розам аман-эсен көз жарып, бир наристени көзүмө көрсөтүп, үнүн уксам" деп көбүрөөк ойлонот.

Анын жүрөгү опкоолжуганча бар эле, Рыскул ары басып кеткен менен, кайра эле байкатпай алардын артынан жөнөгөн: "Булар соо эмес, бу картаң профессор жаш кыздын башын айлантып биякка алып баса берген тура. Сени шашпа, жаш кызды арбаган кандай болоорун сага көрсөтпөсөм" деп жашаган жерине чейин келип алардын бирге кирип кеткенин көрүп ичи күйүп алды: "Мени чанып, каалап тийгени ушул тура", деп Розага кекенип алып кайра артына кайткан. Ошондон бери алардан канткенде өч алаарын билбей башы катып жүрөт. Бирок оңутун келтире албай убараланат, күндө алардын босогосуна келип аңдып туруп кайра кетет. Ошол күндөрдүн биринде Розанын тогоосу кармап, Нурмат тез жардам менен аны төрөт үйүнө алып кетти...

***

...Аруукенин абалы оорлоп төшөккө жатып калды. Барчынай аны келип көрүп:

- Балам а-ай, көп ойлоно бербе да, уулуң болсо бой жетти, кызың өзүңө окшоп татынакай болуп чоңоюп калды, ошолордун чайын ичип, балдарын көр, сен али жашсың, сени мен күнөөлөбөйм, өткөн өттү, өзүңдү жакшы кара, - деп кейип кетти жашып.

- Кечире көр, апакебай, мен жаңылдым, жаштык кылдым, Кумарбектин мени теңсинбей жүргөнүнө жиним келди… көрсө жаш экенмин… - Арууке зорго сүйлөдү. Көздөрүнөн жаш куюла дем алса акыректери аркайып өйдө-ылдый болгон төшү төшөктү көтөрүп атты.

- Кой айланайын, кейисең да өткөндү оңдой албайсың, эми ден-соолугуң тиле, - деген Барчынай коштошуп чыкты.

Акматтын Аруукенин төшөк тартып калгандан бери санаасы санга бөлүнүп ичкени ирим. Кыскасы анын адам болорунан үмүт үзүп койгон. Кылбаган аракети калган жок. Акыры кудайдан гана үмүт кылып, эртели кеч жанында болуп көңүлүн көтөрүп турат. Бир күнү экөө эле болчу. Арууке күйөөсүнө минтти:

- Акмат, менден тажаган жоксуңбу?

- Эмне деп атасың Арууке, тажамак турсун кудайдан тилек тилеп сенин жаныңдын аман калышына аракет кылып жүрсө... Андай жаман ойдон алыс болчу, алтыным, - Акмат анын кан-сөөлү жок, арык узун манжаларын кармалап отуруп өөп койду.

- Акмат, мен бул оорудан аман калбайм го, кокус өлүп калсам, ата-энемдин жанына кой ээ, ошолордун жанына барып жаным жай алсын!

- Мен сага канча айтам, сен өлбөйсүң, кө-өп жашайсың, антип ойлобой тилек кылып кудайдан сурасаң боло?

- Ээ байкушум ай, сенин эмгегиңди, мага деген сүйүүңдү актай албай түйшүккө салдым, чындыктан кантип качып кутулат элем, акыры кетем да! - ойлуу мелтирей жатып калды.

- Алтыным ай, мен сени өлүмгө кыйбайм, сен эч качан өлбөйсүң, жаным, - Акмат жашып кетти, - Сен али жашсың да, сен келин күтөсүң, кыз узатасың, бактылуу байбиче болосуң…

- Алдаба мени, Акмат, балдарды кейитпе, баары бир мен адам болбой калдым… - Арууке ыйлайын деп ыйлай албады.

- Асылым ай!!! - Акмат дагы муңканып алды, - сакайып кетсең бир күнчөлүк билинбей калат, өзүңдү кыйнай бербечи. Сүт ичесиңби?

- Жүрөгүмө эч нерсе барбай турат.

- Зордоп ичсең, аш барган жерге дарт барбайт, - деди Акмат ага бир чыныга сүт куюп берип. Бир-эки ууртап, анан иче албай башын чайкады.

- Кыйнабачы, жаным жер тартып турат… - Арууке көзүн жума бир азга сүйлөгөнгө чарчап демиге үн-сөзсүз жатып калды. Аны бир топко карап турган Акмат анын жаш кезин көз алдына келтирип алды…

***

...Керимбек Розаны бирөөлөр ала качып, бирок ал отурбай качып кеткенин уккан. Ошондо кыздардан, дегеле ургаачыдан көңүлү калып: "аял заты ошондой болот тура, менин энемди деле карасаң, балдарын ойлобой атамды өлтүрүп..." деп ого бетер ургаачы аттууну жек көрүп, энесин көрөйүн деген көзү жок. Барчынай Аруукени көрүп келгенден бери жаны жай албай, Кундуз менен Керимбекти канткенде энесине алып баруунун айласын таппай жүрдү: Кундуз да чоңойгону кемпирди тоотпой, эрте кетип кеч келчү болду. Чоң энеси: "кайда жүрдүң, чоңоюп калдың, көчөдө көп жүрбө дебедим беле?" десе аны укмаксан болуп: "Кызыксыз, чоң эне, мен эмне жинди белем жөн эле басып жүрө бергидей, окууда болдум" деп кабак бүркөй бурк этчү болду. Түштөнүп отурушканда:

- Экөөң тең ак-караны ылгай турган болуп калдыңар. Аруукенин абалы өтө оор экен, көзүнө бир көрүнүп "апа" деп көөнүн көтөрүп койсоңор боло, кокус бирдеме болуп кетсе арманда кетпесин бечара, - деди эле Керимбек жиндене кетти:

- Сиз эмне эле ошону айта бересиз, биз үчүн ал эбак өлгөн, ал өлсө кайгырып да койбойм, атамдын арбагы ошону ала жатса экен, ит өлүмү менен өлсө экен! - деп туруп кетти.

- Жок дегенде сен барып койсоң боло, кыз эмесиңби, кыз бала энеге жакын болчу эле?

- Андай апам жок, атамды өлтүргөн аялды эне демек тургай көрөйүн деген көзүм жок! Чоң эне, экинчи ошол жөнүндө айтпаңызчы! - деп тултуюп отуруп калды.

Барчынай аргасы кетип эч нерсе дей албады. Чоңойгон баланы көндүрүш кыйын болду: "Ошону айтсам эле жинденип кетишет, капырай, ушундай дагы боору таш балдар болот экен да" деп ойлуу өз ишине киришти. Барчынай алтымыш ашса да күүлүү-күчтүү эле, кээ-кээде гана буту-колум деп калганы болбосо өз ишин кылдырап жасап жүрө берет. Керимбек баш-оту менен окууга киришкен. Кыз аттууну көңүл салып карап койбойт: "чоң энемдин эмгегин актасам" дегенде эки көзү төрт. Тобокел уулу Алымбек Москвада окуп жаткан. Асел болсо окугусу жок, иштеп жүрөт. Аны Барчынай: "кызым окуп ал, өзүңө жакшы, окубаган киши сокурдан айырмасы жок" десе да окугусу келбей койду. Өзү мектепте окуп жүргөндө эле начар болчу. Барчынай Кундуз экөө отурганда алардын үйүнө чоочун адам келип учурашып:

- Саламатсызбы эне? - деди.

- Жакшы айланайын, кел! - Барчынай бейтааныш адамды бүшүркөй карады, - Мен сени тааныбайт экенмин, отур, отуруп чай ичкиле!

- Эне, мени тааныбаганыңыз чын, мен куда болуп келдим эле, кызыңыз Аселди биздин бала алып барган экен, эшикте дагы бирөө бар, ачуу басар алып келдик эле…

- Ыя кокуй, кайда алып кеттиңер, сүйлөшүп жүргөн бекен?

- Ооба-ооба, сүйлөшүп жүрүптүр, өз колу менен жазган катын да ала келгенбиз.

- Кана? - Барчынай анын берген кагазын ачып окуп кирди:

"Саламатсызбы апаке, менин айтпай кетип калганыма капа болбоңуз. Өзүм сүйлөшүп жүргөм. Сени жалгыз калтырып неберелериңе ишенип күйөөгө тийе качып кеткениме нааразы болбо апке, менин асылым, акылманым апа, кыз өмүр бою ата-эненин төрүндө жүрө албайт тура. Мени кечир апке, андан көрө жандай көргөн эрке кызыңа ак батаңызды бериңиз. Атам болгондо кандай жакшы болот эле, төрүмдө отуруп сый көрсө болбойт беле... Алымбек акемди телеграмма берип чакыртыңыз. Апа, дагы бир жолу кечирим сурайм, эмесе ак батаңды бер, апке?! Асел"

Барчынай шалдырап отуруп калды. Көптөн барып тигилерге карады:

- Киргиле айланайындар, "ырыстууга жуучу, ырысы жокко доочу келет" деген экен - илгерки ата-бабалардан калган сөздүн калети жоктур, ырысым тоодой экен, жаман эркем бактылуу болсо болду, - Барчынай дасторконун жая салып Кундуз экөөлөп үстүн жайнатып кудаларын коноктоп отурду. Алар ачуу басарга бир кой, он миң сом, бир ящик арак, бир кап күрүч, май кылып алып келишкен экен. Барчынай аларга бирден костюм-шым кийгизип, кызына батасын берип узатты. Барчынай аларды жөнөтүп коюп өз ою менен алек боло: "капырай, ушу жалгыз кызым мага сырын айтпай кетип калганын кара, атасы байкуш кыйын жакшы көрчү эле, кызынын күйөөгө тийгенин көрбөй, чайын ичпей кетти" деп ойлонуп Кундузду карады:

- Мына Асел эжең күйөөгө кетип калды, сен да эртең эле бирөөнү таап кетесиң, эмнеси болсо да бактылуу болсоңор экен... Мен болсо карыдым-арыдым, эми канча жашайм ким билет, - "Алымбегим үйлөнүп алса үй-жайды карап, Керимбек экөөң атаңардын ордун суутпай ээлеп калсаң… Тукуму уланса, биздин бул жашоодо жашап өткөн өмүрүбүздүн уландысы, сепкен үрөнүбүз текке кетпеген болоор эле, кудай бөөдө кырсыктардан сактаса экен" деп ойлуу Кундузду эркелетип, - Арам кыз, кыз деген ушу тура, бир күнү элин-жерин таштап кетип калат экен, - деп койду аны эркелете.

- Чоң эне, Асел эжем эми качан келет?

- Аны биз чакырабыз, чакырбасак келбейт, салт ошондой кызым, Алымбек акең келсе Аселдин көшөгөлөрүн алып сен кошулуп барып келесиң.

- Ай-ий жакшы болбодубу, жездемди көрөм да, ээ?

- Ооба, көрөсүң кызым, кандай жер, кандай адамдарга туш болду экен, өзүнө жакса, көөнүнө толсо болду, - Барчынай улутунуп алды.

- Көшөгө тигесизби, чоң эне?

- Көшөгөсү даяр кызым. Ий баса, - Барчынай ордунан туруп барып сандыгын ачып, баягы Тобокел каткан алтынды марлиге ороп алды да, - Муну атаң Асел күйөөгө тийсе жумша деди эле, - деди. Алар баягы болгон алтынды Кумарбекти куткаруу үчүн алып бара жатып алып калган тай туяк алтындын бири болчу. Тобокел уккан ырымын жасап: "мындан ары жалаң жакшылык алып келсин" деп тилек кылып ак марлиге ороп сандыктын эң түбүнө каттырып койгон эле. Эми ошону Барчынай алып чыгып эртең аны өткөрүп Аселге кийим-кече, сандык алмак болду. Алардын таанышы баягы Бекбоо дайыма пулдап бере турган.

- Эртең сен эрте барып Алымбекке телеграмма жөнөтүп кел, ал келгенче мен баарын дайындап коёюн да айылдан иним менен келинимди чакыртайын.

- Ооба, эртең барып жөнөтөм. Алымбек акем тез эле келсе экен апа ээ?

- Ой садага кетейин, кандай жетсе ошондой келет да.

- Асел эжемдин күйөөсү кандай болду экен? - Кундуз балалык кыялга батып чоң энесине эркелей кетти, - Чоң эне, мен күйөөгө тие электе дагы көшөгө даярдайсызбы?

- Ананчы, эжеңдин себин берейин, анан өзүңө көрсөтүп туруп алып коём, өзүң тандайсың ээ?

- Ооба!

- Ээ атаңдын гөрүү-үү дүнүйө, сен чоңойгондо күйөөгө узаткыча тураар бекем, энеңерге да барып каттабай койдуңар... Алымбегим, Керимбегим үйлөнсө аялына дайындайм го. Капырай, Алымбектин жашы жыйырма жетиде, эмнеге үйлөнбөйт билбейм. Андан көрө мен ошолордун баласын көрсөм болот эле го? - Эне ойлуу отуруп калды. - Кумарбек да окуунун артынан окуп, кандидаттыгын жактап жалаң илим артынан түшкөн. Эми Алымбегим, Керимбегим дагы китептен баш көтөрбөйт. Андан көрө үйлөнүп-жайланып, жашоонун бир ырахатын көрсө боло, ботом?!

- Чоң эне, окуу деген жакшы да, кийин мен дагы илимпоз болом ээ?

- Ооба садага, күчүң жетсе окуганга жетеби, Асел эжеңдин окууга көңүлү чаппады.

- Эмне үчүн?

- Кайдан билейин, сабак окуу дегенде эле ичи-башы ооруп калчу.

- Мен жакшы окуйм, дайыма беш алам, - Кундуз мактана кетти.

- Ошент кызым, окуп алсаң кор болбойсуң, чоң атаңдын өзү өлсө да эмгектери өлгөн жок.

Эне-бала кобурашып түшкө чейин отурса да Керимбек кечигип жатты. Сарсанаа болгон Барчынай улам эшикке чыгып карап кайра кирет. Анын баягы муунуп алганынан кийин көп чочулачу болгон: "Окууну түнү менен окумак беле, балекет басып бу дагы терс жолго түшүп кетпегей эле", - деп ичинен чоочуйт. Күлүмканды ойлоду ошол кезде. Ал кызын колуна алып алган. Күйөөгө тийбеди. Кыз он үчкө чыгып калган. Чоң энесин ал дагы жакшы көрөт, кээде келип Кундуз менен ойноп кетчү. "Колу-жолу бош, - деп ойлоп койду Барчынай, - күйөөгө тийип албады. Ким билет, айла канча, Белегим болгондо башкача болмок беле" деп шуу эте үшкүрүп алды. Бир кезде эшик шарк-шарк ачылып Керимбек кирип келди, кызуу, эне унчукпай карап гана койду, ал унчукпай өз бөлмөсүнө өтүп кетти: "Кудай ай, баланы башкара албай калдымбы, же мени тоотпой жатабы" деп сарсанаа болуп төшөгүнө кыңкайып, түгөнбөгөн түмөн ойдун түбүнө чөгүп баратты.

***

Аруукенин жамбаштары бел кырчоого чейин оюлуп кетти, аны кызы Зарина жууп, вазелиндеп карап атты, эки көзү жайнап, тили сүйлөгөн менен кыбыр этээр дарманы жок. Кийинки убактарда кудайга жалынып: "ээ жараткан, алчу болсоң эртерээк эле алчы деги жанымды кыйнабай. Балдарды, Акматты кыйнап койдум, тирүүлөй чирип баратат окшойм, деги жанымды эртерээк алчы!" деп эч ким жокто жалгыз калганда кудайга үнү жете ыйлап алат. Элдин баары базарга чыгып, базар экономикасы күчөп турган убак. Зарина менен Элдос окууга барып эрте келгенге ашыгышат. Акмат жалгыз иштеп эч нерсеге жеткире албай калды. Эмирлан болсо кээде келсе кээде келбейт. Балдарынын мынчалык мерез төрөлүп калганына зээни кейийт Аруукенин. Зарина менен Элдос аябай боорукер, карамдуу, апасынын көңүлүн оорутпаганга аракеттенип турушат. Айрыкча экөө ынак дагы. Кичинесинен баладай болуп чырылдашып урушкан жок. Күн санап өлүмдөн башканы ойлобой калган Арууке ушуларды ойлонот: "Кумарбек деле андай эмес эле, булар кайдан мерез болуп калышты?" деп ойлосо уйкусуз таң атырат. Эне жүрөгү бир кездерде маңдайы жарыла кубанып эң биринчи наристе жытын искегенин, мотурайып эмчек эмизип отуруп эзилгенин эстейт…

Кечинде чогулуп бапырашып отургандай көрүнгөн менен, ар биринин жүрөгүндө санаа, үмүт жанып кайра өчүп эртеңки күнү Аруукенин эмне болуп кетээрине көздөрү жетпей мостоюшат кээде. Бирок жашоодо ый менен күлкү эриш-аркак болот эмеспи. Канчалык убайым тартып ойлонсо да ара-чолодо күлүп калышат. Арууке жандуу өлүк сымал, тирүү жаткан менен сөлөкөтү калган: "бул каргыштан, - деп ойлойт өзү, - кайната-кайненем каргап койгон экен, аларга деле оңой эмес да, чырактай гана баласынын өлүгүн да эмес, кагыраган сөөгүн жерге берип турушса". Үнү чыгып, үйдөгүлөр менен кадимкидей эле сүйлөшүп, баарын көрүп, билип турат, туруп баспайт, басмак турсун өйдө болуп отурууга кудурети жок. Үрөйдү учурган бет орою адам коркоорлук. Сүлдөрү эле калган. Эки гана көзү тостоюп, бет сөөгү оркоюп, эти сөөгүнө жармашып, көргөн жан адегенде кадимки мумие сүйлөп жаткандай сезиши мүмкүн. Аяштары кээ-кээде аны көргөнү келип калса абдан чоочуп кетишээр эле. Бир күнү Акмат ага аты чыккан көзү ачыкты алып келип көргөзүп отурду. Бул анын "жакшы болуп кетээр бекен" деген ою болчу. Ал көзү ачык көпкө чейин дем салып отуруп буларды айтты:

- Сен көзүгүпсүң кызым, анан дагы каргышка калгансың, сени көрө албаган бирөө дуба окутуп лөлүгө жасаткан экен, тирүү баканы дубалап жерге көмүптүр, ал баканын азыр араң жаны калыптыр… - деди.

- Аны кантсе болот, жандырса болобу? - Акмат үмүтү жана сурады.

- Мен аны таба албайм, анан дал ошол лөлүнүн өзү болбосо болбойт, анткени ал көмгөн жерди таап дубаны жандырып, баканы коё бериш керек.

- Башка цыгандар табабы?

- Эң кыйынын табыш керек, цыгандын баары эле биле бербейт.

- Иши кылып аракет кылса болот экен да?

- Болот, ан үчүн эртелетишиңер керек, дагы бир ай кечиксең араңжан бака өлөт… - Ал Аруукени карады, - Көз тийген, каргыш анан күчтүү дуба сени көтөрүп чапкан. Кудайдан үмүтүңдү үзбө, мен көз тийгенге каршы дем салып берейин, баары сөөккө өтүп кеткен, андан да жаманы босогоңдо арбактар сагалайт, сенин кайната-кайненеңе куран окутпасаң, ошого сенден үмүт этип жатышат, тез арада куран түшүрүп кан чыгар, - деди.

- Сен эмнеге көзү ачыкты үйгө алып келесиң, мен алда качан эле өлгөм Акмат, далбастабай эле койчу! - Арууке тескери карап кетти.

- Койчу жаным, капа болбочу, мен сени айыктырып алам, көрөсүң го, сен айыгасың! - Акмат анын колун кармап жүзүнөн сүйгөн сайын зээни кейип жүрөгү сыздап алат.

Ал үйдөн чыгып кетип лөлүлөрдү кыдырып жүрүп: "кимиси кыйын болду экен, адегенде сүрөтүн көргөзүп төлгө салдырайын" деп ойлоп, бир улгайган цыгандын жанына отуруп:

- Сиз жакшылап төлгө салып бериңиз, чынын айтсаңыз жакшы берем! - деди сүрөттү көргөзө, - ушу келинге төлгө салып бериңиз.

Цыган аял келиндин сүрөтүн карап атын сурады да:

- Оо абдан оору экен ушу кезде, айыгып кетет, көзүмө туман түшүп ар жагы көрүнбөй жатат, күчтүү дуба бар экен… - деп картасын ары-бери калчап салды да: - муну жаш келин окуткан экен, эгер ал келинди тапсаңар бир айдын ичинде айыктырып аласыңар, таппасаңар айыкпайт, аз эле калыптыр, - деди да, картасын жыйып алды.

- Ал келинди кантип тапсам болот?

- Аны аялың билет, бирок аны менен мамилеси жок экен, ал күйөөсү үчүн ошол ишке барган, бул келин киши өлтүргөнгө катышыптыр, - деди цыган.

- Рахмат, - Акмат ордунан тура шашылып Аруукеге жөнөдү: "тезирээк, бир айдын ичинде аны таппаса болбойт" деп ойлоп баратты. Келээри менен:

- Арууке алтыным, мен сени айыктырам, сени Кумарбектин эле аялы жасатса керек, киши өлтүргөнгө катышкан деп сени туура айтты, ошон үчүн сени аялы жасатыптыр. Аны эртерээк табыш керек!

- Аны кайдан тапмак элең, ай калп эле айтса ошого ишенесиңби, ал жаш келин эч нерсе кылалмак эмес, анын үстүнө ал көп деле жашаган жок, көп болсо беш ай... Балалуу деле болгон жок, угушумда ал Кумарбек жоголгондон кийин тез эле кетип калган.

- Жо-ок алтыным, дал ошону табыш керек!

- Ишенбейм. Деги мени тим койчу кудай жалгагыр, мен эбак эле өлгөн кишимин, кыйнабай тынч узатчы деги мени.

- Жок, сен өлбөйсүң, мен баары бир аны табамын, - Акмат чай ичип алып кайра чыгып кетти. Ал кайра эле көзү ачыктар жакка барып дагы бир цыганга жолукту. Үч-төрт цыганга барып баарынан ошол бир далилди укту, демек бир айдын ичинде кайтара албаса анда Аруукеден айрылаары белгилүү. Жазгүлдү табыш кыйынга турду. Ал ортодо Акмат бир кой союп куран окутуп, куран түшүрттү. Арууке Алтынай менен Атабектин арбагына таазим кыла, аларда кечирим сурады. Ошол күндөн баштап аз болсо да жеңилдей түшкөндөй болду, уктаганда жаман түш көрбөй тынчыраак уктап калды. Акмат болсо Жазгүлдү издеп чыдамы кетип: "бир ай, он күнү өттү, кантем, ушинтип аны сактап кала албай каламбы" деп кыжаалат болуп атты. Бир күнү оюна Барчынай түшүп Акмат анын үйүнө барды. Ал келгенде Барчынай кызынын тоюн өткөрүп жаткан. Коноктору коңшулары, туугандары эле. Акматты көрүп бир эсе делдээ түштү да:

- Кел, кел айланайын, жөн жай элеби? - Барчынай аны үйгө киргизди, - жүр айланайын, тойдун үстүнөн чыктың, жай отуруп тамак ич, анан сүйлөшөлү.

Акмат: "кандай жакшы адамдарга туш болгон, булар каргамак эмес, Арууке абдан жаңылган экен", деп ойлонуп атты. Коноктор кызга батасын берип бир-экиден тарап отуруп баары кеткенче отурду Акмат. Барчынай: "бул эмнеге келди экен, Арууке өлөөр алдымда балдарымды көрөйүн, алып кел десе керек, булар менин тилимди алар бекен" деп ары-бери жүгүрүп жүрүп ойлоно берди. Качан гана эл кеткенден кийин:

- Эми колум бошоду балам, Арууке жакшыбы? - деди жанына отуруп чайдан куя.

- Кайдан эне, сиздин жардамыңыз керек, - Акмат Барчынайды карап, - сиздин келиниңиз Жазгүлдүн кайда экенин билесизби? - деди.

- Ыя кокуй, анын кеткенине канча болду, же каттабайт, кайдан билем, - Барчынай ойлоно калып, - Токточу, анын апасынын жашаган жерин билем, аларга үйдү байкуш Кумарбек алып берди эле да, - дегенде Акматтын көзүнөн үмүттүн оту жайнай түштү.

- Жакшы болбодубу, апасын тапсам Жазгүлдү табыш оңой эле да?!

- Ийе балам, аны эмнеге сурап калдың?

- Эне, ал эми азырынча сизге айтканда… - олку-солку болуп: "айтсамбы же айтпасамбы" деп анан, - Мындай: Жазгүл бир цыганга Аруукени дубалатып коюптур, баканы дубалаган экен, ал дагы азыр жаны бар, аз күндөн кийин ал өлсө Арууке дагы… - Акмат муңканып кетти.

- Капырай де, ошондой болуптурбу, жашабагыр ай-аа, эмнеге антти экен? - Барчынай ойлуу зыңгырай түштү, - Билбейм айланайын, ошондой болсо издеп таап көр…

- Рахмат эне, мени кечириңиз, аракет кылып көрөйүн, - Акмат коштошуп, уккан дареги боюнча бир үйгө келип эшигин такылдатты эле, үйдүн чачтарын ак бубак баскан сулуучумак аял чыгып бейтааныш жигитти карап туруп калды.

- Саламатсызбы эже…

- Саламат, келе гой, эмне жумуш? - аял кайдан көрдүм эле дегендей бүшүркөй түштү.

- Эже, мен Жазгүлгө келдим эле…

- Аа-аа, анда эмне жумушуң бар эле?

- Зарыл жумушум бар эле, мүмкүн болсо кайдан табаарымды айтып бере аласызбы?

- Ал биерде жок, Россияда иштейт.

- Чакырсак болобу?

- Эмне зарыл жумуш, айта бер, мен өзүм сүйлөшкөндө айтайын.

- Жок эже кечигип калабыз, телефонун бериңиз, өзүм сүйлөшөйүн.

- Мм, - аял кезинде абдан сулуу болгону көрүнүп турат, көздөрү капкара болуп, жүзүндөгү кат-кат тырыш менен чачтарынын агарып турганы гана картайтып, көп азап тартканын далилдегендей. Аял ойлонуп туруп, анан: - мейли балам, берсе берейин, - деп үйүнө кирип телефонун алып чыкты. Кагазды берип атып: - балам, ачыгыңды айтчы айланайын, деги тынччылыкпы? - деди.

- Тынччылык эле эже, кабатыр болбоңуз, жакшы калыңыз! - деди да жөнөй берди. Анын артынан карап туруп: "жакшынакай жигит экен, Жазгүлүм жашоодо жалгыз өтмөй болду, жалаң Кумарбек деп коколой өтөт го, аны менен теңдер үч-төрт балалуу болуп, балдары бойго жетип калды" деп өксүй кайра үйүнө кирип кетти. Үйгө кирип дагы өзүнүн ушул Жазгүл үчүн өмүрүн жалгыз өтөгөнүн эстеп өткөн күндөрүн шурудай тизип көз алдына келтирип алып: "Мен го жалгыз кызымды бирөөгө кор кылбайын деп жүрүп жаштыгым өттү, мунун же байланаар баласы жок - эмнеге эрге тийбейт? Өлсөм да ушунун очор-бачар болуп тынып-тынчып калганын көрүп өлсөм арманым жок эле…" деп үшкүрүп алды.

Акмат телефон номерин алган соң, дароо эле телеграфты көздөй жөнөдү. Жүрөгү дүкүлдөп негедир кубангандай түрү бар, антип-минткиче он беш күн өтүп кетти: "Жазгүлгө эмне десем экен, же аны тааныбасам, кандай кылам?" деп ыргылжың болуп отуруп анан башына бир ой келди: "Мен сени менен таанышайын дедим эле, тезирээк шаарга келип кал" десем болобу, жок жинди болбосо келип кал таанышам дегенге кантип болсун" деп ойлоп: "ачыгын эле айтайын" деген ойго келди да телефондун кулагын бурады.

Бир аздан кийин телефондон назик аялдын үнү угулду.

- Ало, бул ким экен?

- Саламатсызбы, бул Жазгүл бекен?

- Ооба угуп атам.

- Сөз мындай карындаш, кыскасы сиз Бишкекке тез арада келип кетишиңиз керек!

- Эмнеге?

- Сиз мындан он жыл илгери бир аялды катуу дубалатканыңыз эсиңиздедир, демек эгер ал аял өлүп калса сиз жооп берип калышыңыз мүмкүн, ошондуктан келип жасаткан аялды таап баарын жандырышыңыз керек!

- Эмне деп атасыз, мен эчтеке билбейм! - дегенде Акмат шашып:

- Токтоңуз, сиз эгер адамгерчилигиңиз болсо келесиз, бир күнү болбосо бир күнү кетирген каталыгыңыз үчүн жооп берчү кезде өкүнгөндөй болбоңуз, анткени сиз да пендесиз да, ушул бойдон жүрө бербейбиз! - Жазгүл үндөбөй көпкө турду да:

- Мен сизди кайдан табам? - деди.

- Сизди мен Ош базарынын жанындагы көзү ачыктардын жанынан күтөм, атым Акмат, мен сиздин келгениңизди апаңыздан сурап билип алам. Сиз келсеңиз абдан кубанам! - деди чындап ыраазы боло.

- Үч күндөн кийин барам.

- Макул, күтүп алам, - деди да трубканы коюп эс ала түшүп үйүнө келсе, Аруукенин таптакыр шайы кетип калган экен. Жанына отуруп алып зээни кейий көз жашы тегерене түштү: "Аз убакыт калды, чыдасаң экен байкушум ай, жаман кыйналдың" деп алаканын чекесине коё чачтарын сылай муңканып сыздаганын, ичинен түтөп атканын билгизбей үнсүз отура берди. Арууке эч нерсе ичпей калган, бир аз эле сүт, же кайнак суу ичет, башка тамак өтпөйт. Тынчсызданган Акмат кызы Заринанын сыртка чыгып ыйлап киргенин көрүп сай сөөгү сыздайт. Бирок аны эркектик намыс гана өкүрүп-өксүп бугун чыгарууга жол бербейт. Арадан билинбей үч күн өттү, бирок Жазгүлдөн кабар жок.

- Кызым, ыйлаба садагам, жакында апаң так секирип кетет, көрөсүң го, айыгып алып экөөбүздү такалайт, андан көрө үйдү жакшылап карап өз жумушуңду кыла бер! - деди бир күнү.

- Качан, кантип жакшы болот ата, апам кыйналып жатпайбы, эмнеге врачтар жардам бербейт жатат, уколдоп жакшы караса болбойт беле? - деп, зорго турган Зарина буркурап коё берди.

- Врачтар жакшы эле аракет кылды кызым, апаң башкача оору менен ооруп кылыптыр…

- Эмне, оорунун врачтар алы жетпегени дагы болобу?

- Ананчы кызым, илимдин дагы оорулардын түрүн далилдей албаган учурлары бар да...

- Ай кудай ай, апам врачтар билген эле оору менен оорубайт беле да?! - кыз шолоктоп ыйлап апасынын төшүнө жыгыла токтоно албай көпкө отурду. Арууке төшөктө жатканын бети көрүнүп турганы эле далилдебесе, төшөктө эч нерсе билинбейт. Эгер чүмкөп койсо салынган төшөккө окшойт, анын тирүүлүгүн саал-саал кыймылга келип дем алып жатканы болбосо жансыздай сезилет. Акмат кызын өйдө кылып сооротуп атты:

- Апаңдын үстүнө жүгүңдү салба да кызым, азыр апаң төшөктү да көтөрө албай жатат, алсыз… - деп муңканып алды: "Бүгүн келиши керек, келбесе бүттү, аны таап алып дал Аруукенин өлгөн күнү аны да кошо өлтүрөм" деп күңүлдөп ордунан турду. Бир жума өткөндө Жазгүлгө Акмат үйүнөн жолукту. Ал күндөгүдөй эле апасынан сураганы келген. Көрсө ал түндөп келип калган экен.

- Саламатсызбы, мен Акмат, - колун сунду Акмат.

- Мен Жазгүлмүн, жай отуруп сүйлөшөлү, үйгө кириңиз!

- Болуптур, азыр Жазгүл, билсең, ар бир мүнөттү текке кетирбешибиз керек! - деди бутун чечип үйгө кирип баратып, - түшүнүңүз менин абалымды.

- Сиз кимиси болосуз? - Жазгүл назик, ичке үнү менен суроолуу тигиле.

- Мен күйөөсү болом. Кечирээк билип калдык, ал ооругандан баштап эле доктурдан жардам күтүп жүрө бердик, үйгө чыгарып койгондон кийин гана кыргызчылыкка салып көрөйүн деп ойлодум да, бир көзү ачыкты ээрчитип алып үйүмө алып барсам ошону айтты. Үч-төрт күн калды, бай болгур тездетишибиз керек! - Акмат Аруукенин өмүрү дал ушул жылдыздуу толмоч, сулуу келиндин колунда сыяктуу жалдырай кетти.

- Кечиресиз, мен адегенде ал аялды табайын, сиз аялыңызды аябай сүйөт окшойсуз? - деп койду. Анын жылдыздуу жылмайып турганы Акматка шылдың сымал сезилип кетти:

- Балдарынын энесин ким жакшы көрбөйт, кызык экенсиз, карындаш?

- Канча балаңыз бар?

- Мени суракка алганды токтотуп, тезирээк ишти баштайлы, жакшылыгыңызды эч качан унутпайм!

- Болуптур, мен ал аялды издеп таап өзүм алып барам, сиз мага дарегиңизди таштап коюңуз.

- Жаным менен макулмун, - Акмат ошенткен менен баары бир ишенбей: - карындаш, экөөбүз чогуу издейли, анткени мен чыдап отура албайм, абдан оор! - деди, - Чыгымыңызды өзүм төлөйм.

- Ал жагынан кабатыр болбоңуз, өзүмдү алып жүрүүгө жарайм, сиз бара бериңиз! - дегенде Акмат аргасыз кайра-кайра эскертип атып жөнөп кете берди.

Жазгүл анын артынан ойлуу карап: "Кызык, эмне кылышым керек эми, жакшынакай адам экен... Арууке, оо Арууке, сенин мага кылганыңды кечиргенимди Кумарбек билсе эмне болоор эле… Менин турмушумду тополоң тоз кылып, сүйүп тийген күйөөмдү өлтүргөнүң үчүн маа десең миң ирет өлсүн демекмин, бирок балдары үчүн, мынабу күнөөсүз адам үчүн келдим да" деп ойлонуп, ал күнү эч жакка барбады. Ал кайра-кайра Акматтын аянычтуу түрүн көз алдына келтирип: "Мен болсо жалаң Кумарбек деп башка адамды сүйө албай жалгыз жашап келем, а бул болсо кылаар ишти кылып коюп жакшынакай адамдын койнунда бала төрөп эне болуп жашоонун ырахатын көрүптүр, мен бир адамдын азабынан жалгызмын" деп ойлонуп отурганда апасы кирди:

- Ээ кызым, деги күйөөгө тийээр оюң барбы, жалгыз сен деп өмүрүмдү бошко өткөрдүм, сенин балаңды көрүп, тынып тынчыганыңда көзүм өтсө армансыз кетээр белем? - деп кейий кетти.

- Апа, ушу сиз эч нерсеге түшүнбөйсүз да, мына Россияда соода кылып үй жайды оңдодум, сизге баарын алып берип атам, дагы эмне керек? Күйөө-күйөө дейсиз, азыр жакшы эркек барбы? - деп Жазгүл мурду менен бир тийди апасына.

- Аа-аа балам, сенин акча тапканың эмес бир жерди гүлдөтүп очор-бачар болгонуң керек мага! Акча адам баласына күнүмдүк жашоо үчүн керек, балалуу болуп, күйөөнүн ырахатын көрүү такыр башка!

- Билбейм апа, дегеле көөнүмө бир адам жакпайт, сизди ойлосом менин деле жүрөгүм ооруйт, бирок… - Жазгүл жумшара апасын кучактап эркелеп өөп-өөп алды, - Чыдачы апакебай, жакшы күйөө табылып калаар деп ойлойм, бирок ойдогудай жок…

- Садага болоюн десе, мен жок болсом сага тирек-жөлөк болчу бирөө болсо дейм да, өмүр бою мен жүрө бербейм кашыңда, ал эми акча, байлык деген убактылуу, жашыңда табасың, жашың өткөндө бирөөгө таянып жашашың керек. Мен сени кубат кылам, таянам, күтөм, сен ушинтип жүрүп жалгыз калсаң кимге таянасың?

- Акылдуум десе, мени эле карап жүрө бербей сен деле күйөөгө тийгенде иним же сиңдим болмок да?

- Койсоңчу кызым, муну далай жолу айттың, атасы бөлөк бир туугандын караганы бар, карабай басып кеткени бар, андан көрө мени ук, эптеп бирөөнү тап!

- Эптеп деп коёт, - Жазгүл апасына таарынгандай бултуя түштү, - эркек эле болсо мага таяныч боло алмак беле апа?

- Анан кантейин, сени жалгыз калбаса экен дегеним да… - Эне-бала бири-бирин түшүнүшкөндөй үндөбөй туруп калышты. Нени ойлоп, нени чечип атты бул кезде ким билет, андан кийин башка сөзгө өтүп көр тирилик жөнүндө сүйлөшүп атып: - Ыя кызым, шашылыш эле келип калдың да, сени бир жакшынакай жигит издеп келип телефонуңду алып кетти эле, зарыл жумуш деген эле, ошон үчүн келдиң окшойт ээ? - деди эне.

- Ийи, - деп койду Жазгүл - Зарыл жумушу бар экен апа, эртең, бүрсүгүнү ошол ишти бүтүрүп коюп анан кайра кетем.

- Кайрадан жалгыз калат экемин да?

- Эми апа, ошондой болуп атпайбы, товарларымды бирөөгө таштап келе бергем.

- Ошо товарды биерден сатсаң болбойт беле, ушу Бишкектен эле соода кылып жашап жатышат эл, - Наалыган эне кайрадан унчукпай калды. Жазгүл: "чын эле ал цыганды эми кайдан табам, балким андан ооруган эме калп мени убара кылгандыр" деп ойлоп, "Кыялдын" алдындагы цыгандардан карап көрүп анан жандыраар-жандырбасын сурап билмек болуп жатып калды. Түнү бою Арууке түшүнө кирип, өзүн көздөй жулунуп кубалап атып чоочуп ойгонуп ошол бойдон уктай албады: "Кой, эртең эрте чыгайын да аны табайын, чын эле кыйналып жаткан окшойт, байкуш анча кыйналаарын билбегенмин, Кумарбекти өлтүргөн Арууке экенин укканда ачуум менен бирөөлөрдөн угуп жасатып салдым эле, көрсө дубанын күчү жаман тура" деп ойлонуп таң агарып келатканда туруп жуунуп алып издеп чыгууга даярданып атты. Эгерде ал Аруукенин азыркы абалын көргөндө андан жаман болмок, аны билбеди, жөн эле ооруп аткан экен деп ойлоп жатты. Эрте барып "Кыялдын" жанындагы цыгандардын келе элегин көрүп чыдамы кетип күтүп атты. Көзү ачыктар тегиз келгенде кыдырып көрүп тааныш цыган аялды таба албай анан бир картаң цыганга барды. Ага он жыл мурунку дубаланган баканы айтып:

- Ушуну жандырууга болобу? - деди.

- Азыр, көрөлү, - деген цыган аял, китебин ачып көрүп, картасын салып: - Кызым ай-яаа, кечигип калыпсың да, бака куурап калыптыр, болоор-болбос гана жаны турат, кечке жетсе жетет, жетпесе жок! - дегенде Жазгүл ыйлап жиберди:

- Аракет кылып жандырып көрбөйсүзбү, бир айласы табылаар?

- Жок кызым, дуба такыр өтүшүп кеткен! - деп эскирип, жыртылайын деп, нечен кабат скочтогон китебин көпкө карап туруп, анан жаап койду да: - бир күн мурун болгондо… - деди башын чайкай.

- Сиз мени менен бир жерге барып келбейсизби, мүмкүн жетишип калаарбыз! - деди Жазгүл ыйламсырай.

- Барса барып көрөлү, - Цыган аял алдындагыларды жыйып ордунан турду. Жазгүл аны ээрчитип чыгып жол боюндагы таксини кармап белгилүү даректи бергенден кийин:

- Тезирээк болуңуз! - деди шаштыра. Зуулдап жүргөн машина тез эле дайындуу дарекке жетип келди. Таксиден түшүп экөө үй номерин карай короого кирип келгенде үйдүн ичинен ызылдаган ый угулду. Бул учурда Арууке эчен ирет үзүлүп кайра оңолуп атып дагы эстен танганда балдары менен Акмат аны тегеректеп алып ызылдап жатышкан эле. Жазгүл үйгө кирип келгенде Акмат ордунан тура калып:

- Көрдүңбү мына муну, ушунчалык кылгыча жөн эле өлтүрүп койбойт белең, кана айтчы, табаң кандыбы? Эми сен сот алдында жооп берүүгө тийишсиң! - деди жаштуу көзү менен. Жазгүл эч нерсе дей албай төшөктө жансыз жаткан сөлөкөттү көрүп жүрөгү шуу этип алды, - Кана бир арга табылабы же көрүп табалаганы эле келдиңби?

- Жок, жок, андай эмес, - Жазгүл цыган аялды карап: - Сиз жандырууга аракет кылыңыз, мен тигини көмгөн жерден алып чыгайын, - деди эле цыган аял:

- Аракет кылып көрөйүн, дуба өтүшүп бараткан тура! - деп китебин ачып, - Силер алысыраак отургула! - деп беркилерди Аруукенин жанынан алыс отургузуп, өзү анын этек жагына отуруп алып оозун кыбырата окуй баштады. Жазгүл бая эле жөнөп кетип жатканда Аруукени дагы бир карап алып: "кудай ай, мынчалык эмне тирүү пендени кыйнадым, эмнеге? Мен мынчалык болуп калганын кайдан билдим, эгер өлүп калса анда мен тынч жашай албайм" деп таксиге отуруп баягы өзү көмгөн баканы издеп көрүстөндү көздөй келатты. Улам таксистти карап:

- Тезирээк айдаңызчы? - деп коюп, Аруукенин элеси көз алдынан кетпей кыйналып: "Кандай жакшынакай, мен-менсинген келин эле, таанып болбойт" деп күңгүрөнүп алат. Таксистке эмне, баары бир эмеспи, канча жүрсө ошончо акчасын алып коёт. Көрүстөнгө келгенде баарынан да кайсы жерге көмгөнүн табалбай кыйналды. "Ошол кезде аны кайра ачаарымды кайдан билдим, дубалатат десе эле…" деп жерден таштарды тээп коюп болжолдуу жерди издей берди. Көптөн кийин гана анын тикенектин түбүндө эки мүрзөнүн ортосуна көмгөнүн эстей койду да казып кирди. Боргулдана жерден жерди ачып кичинекей темир сандыкка салынган баканы ала коюп ачып караса болоор болбос жаны бар куурай баштаган бака оозун ачып аткан экен, сандыкчаны кайра жаап таксиге келип отуруп:

- Кеттик! - деп үшкүрүнүп алды. Кыжы-кыйма жолго жетип улам жарыкка токтогондо ичинен шашып атты: "Ай кудай ай, ушунчалык да болобу, Арууке… кандай жакшынакай келин эле, эмнеге өчөштүм?! Курманбекти өлтүргөнү үчүнбү, кантип чын эле ал өлтүрдүбү же…" деп ойлонуп келе берип жетип калганын сезбей калган экен, айдоочунун:

- Келдик, чоң кыз, - дегенинен караса келип калыптыр.

- Рахмат, - деген Жазгүл айдоочуга санабай эле акысын берип салып, - бара бериңиз! - деп жүгүргөн бойдон кирип кетти. Келсе цыган аял кара терге түшүп улам китебин ачып окуп жаткан экен. Кирип келген Жазгүлдүн көзү дагы төшөктө сүлдөрү эле калган келинди карап: "Эх кудай кечире көр, мен ушунча мерез экенмин, балдарынын маңдайында аман калса экен" деп ойлоп ийди. Акмат менен кызы, баласы үчөө: "эмне болуп кетээр экен" дегендей эки көздөрү Арууке менен цыган аялда болуп үнсүз отурушат. Үч сааттай отурган цыган китебин жаба:

- Эң күчтүү дубаны окуган экен, мен мындайды көргөн эмесмин, эми дагы түнү менен окуш керек, - деди ордунан тура.

- Кайда барасыз, түнү менен окуй турган болсо окуңуз, биз тоскоол кылбайбыз, - деди Акмат шашкалактай.

- Аа-аа, мен эшикке чыгып келейин, - деп цыган эшикке чыкты эле Жазгүл эшикке кошо чыкты. Алардын эмне деп сүйлөшөөрүн уккусу келген Акмат Аруукени бир карап алып кошо чыкты да оозгу бөлмөнүн босогосуна далдаалана туруп калды. Жазгүл чыгып баратып эле:

- Эмне болду, же…? - деди орусчалай.

- Жетишип калдык окшойт, буйруса жакшы, тигил эмне болуптур?

- Аз-аз жаны менен экен, оозун ачып атат.

- Анда иш жайында, эгер бака кыймылга келбей катып калса анда болбой калмак, эми үмүт кылса болот, - деп ажаткананы көздөй басты. Жазгүл бир азга туруп анан үйдү көздөй басканда Акмат ичке кирип аялынын жанына отуруп калды. Ошол учурда Арууке негедир жүзү албырып тердей баштаган экен. Колдорун кармап көрүп нымшып тим эле жаңы төрөлгөн баланын этиндей балбырап жумшай түшкөнүн көрүп: "Ээ кудай, ушунуңа шүгүр, мээнетим кайтып айыгып кетсе" деп кубана чекесин басса кадимкидей нымшып калыптыр. Анткени териси катып, жыгачтай катып турчу денеси жумшара мемиреп уктап аткан эле. Көздөрүнүн чарасы кирип башкача көрүнүп турса да денеси нымшып калганына сүйүнүп турду. Зарина ыйлап атып шишиген көздөрүн ачып жума апасын карап отура берди.

- Кызым, конокторго чай ыраста, бирдеме ичип алып анан кайра окусун, - деди Акмат Заринага. Зарина үндөбөй ашканага чыгып кетти. Цыган аял кирип келип кайрадан отуруп китебин ачты. Жазгүл, Акмат жана Элдос үндөбөй карап көздөрүн албайт. Ошол убакта цыган аял кичинекей темир ящикти ачып койду да оозун кыбыратып окуй баштады. Бир кезде баканы колуна алып алды, кайрадан оозун күбүрөтүп китебин карайт. Дагы тердеп чыкты, улам бетаарчы менен аарчып окуй берди. Зарина тамак жасап бүтүп атасын карады эле: "Коё тур" дегендей белги берди. Кенен дагы үч саат отуруп китебин жаап жатканда: "суу, суу, суу" деп алсыз кыңкылдады Арууке. Цыган аялды карады эле:

- Кайнак суу ууртаткыла, бул дуба менен аялың алда качан өлмөк, жүрөгүндө азыраак бар экен, бирок ден соолугу таза турбайбы, ошондуктан көтөргөн. Мен кылган эмесмин да, болбосо тез эле жандырмакмын, - деп эс алайын деп отуруп калды. Зарина тамагын алдыга коюп куюп берди. Жазгүлдө үн-сөз жок, балээни тамак ичеби, Аруукенин балдарынын, Акматтын алдында өзүн күнөөлүү сезип отура берди. Ал болсо төшөктө улам кыңкыстап коюп башын ары-бери булгап аз-аздан жан кире баштады.

- Жакшы болуп калса болду эле, деги бир ылаажы барбы? - Акмат цыган аялды карады.

- Бул жерде азыр экөө жатат, эгер булардын кимиси көтөрүп кетсе ошонусу тирүү калмак, бака күчтүүлүк кылып бараткан экен, эми дубанын терс жагын жалаң бакага оодарам, анан аялың тирүү калат, бул үчүн өтө көп күч талап кылынат, кара күчтөрдү кууп чыгам, - деди цыган аял.

- Ошондой эле болсо экен, оозуңузга май, деги сакайып кетсе эч нерсе аябайм сенден, - деди Акмат кубанычтуу.

- Жок-жок, бүт чыгымды өзүм төлөйм, баарына мен күнөөлүүмүн! - деп жиберди Жазгүл.

- Жазгүл, сенде да эмес, бул тагдыр, ушуну маңдайга жазып койгон, биз үчүн Аруукенин чымындай жаны калса эле болду, сага ырахмат, келбей койсоң биздин күнүбүз эмне болот эле?

- Мен жаштык кылдым окшойт, жасатат десе эле… - Жазгүл эки көзү Аруукеден өтүп сүйлөй албай такала берди, - Мындай болоорун билбегем…

- Эчтеке эмес, өткөн өтүп баратат, кудай буйруп Аруукем аман сакайып кетсе экөөң эже-сиңдидей болуп жүргүлө.

- Сакайып эле кетсе экен…

Ошондон баштап цыган аял үч күн Акматтын үйүндө болду. Үчүнчү күнү кечинде Арууке "өх" деп алды. Бирок аны жанында отурган кызы гана укту. Бери жакта отургандар анысын байкабады. Ал ошенткенде бака тыбырчылап барып жатып калды.

- Мына, эми аялыңды аз-аздап күчтүү тамак менен карасаң бат эле калыбына келип калат, мен эми кетейин, - деди цыган аял, - Мен адам өмүрү кыл учунда турганын көрүп эч нерсе дебей келе бергенмин, бул эмгегим үчүн беш миң бересиңер.

- Мына эже, ырахмат сизге, - Жазгүл сумкасынан миң сомдуктан бешти алып берди, - Адамдарга жакшылык кылып жүрө бериңиз.

- Мен өзүм мындайды окубайм, канчалык бирөөгө жамандык кылсаң кудай алдында жооп бериш керек, эртедир кечтир барабыз да алдына.

- Ырахмат! - Акмат да көңүлүнөн чыгарып эки миң сом сунду, - ушундай жакшылыктарды жасай бериңиз!

- Жакшы болуп кетсин, ылайым үйүңөрдө ар дайым күлкү болуп бактылуу болгула! - Цыган аял алакан жая бата берип сыртка жөнөдү. Жазгүл темир сандыкты көтөрүп:

- Акмат аке, мени кечириңиздер, келип көрүп кетем, Арууке эже сак-саламат болуп тезирээк ойноп туруп кетсин, кетирген кемчилигим үчүн миң мертебе кечирим сурайм?! - деди да чыгып кетти. Акмат аны узата кошо чыкты. Жазгүлдүн ушул азыркы турушун, мүчө келбетин, адамгерчилигин баалап карап турду: "Жаңылбаган жаак болобу, жаштык кылып күйүп күйөөсүнөн ажыраганда жасаган экен" деп ойлуу үйүнө кирди. Отуз беш жаштагы чырайы келишкен бул сулуу келин кандай эркек болсо да жакпай койчу эмес, бирок жаралгандан жан дүйнөсү башкача неме Кумарбектен башканы сүйө албады. Канчасы үйлөнүүгө колун сураса да жүрөгү макул болбоду. Канчалык: "кете берсемби, эптеп жашап кетээрмин" дегени менен баары бир тийбеди. Ошентип өмүр жазы саргайган гүлдөй бара-бара билинбей күзгө айланып бараткан кези эле, эми Акмат анын көңүлүнө жагып, жүрөгү уйгу-туйгу болуп, аргасыз өзүн алаксытып: "жүрө турган болгон эле…"

Арууке үч күн, үч түн эч былкылдабай уктады. Кийими мөлмө-чөлмө суу болуп тердеп териси шылбырай бошоп баягы сөөгүнө жармашкан эти жумшарып жүзү албырып өңүңө чыга түштү. Бирок алы жок. Үчүнчү күнү эртең менен:

- Акмат, - деди эле ойгоо жанында жаткан Акмат башын көтөрүп:

- Оов, эмне болду алтыным? Кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди.

- Жакшы, мага эмне болду, башкача болуп, кардым ачып калыптыр да?

- Ошонуң жакшы. Кой анда, өзүм бирдеме ысытып берейин, жаңы шорпо бар, ичесиңби?

- Ооба, эмне болсо да ичким келип турат… - алсыз сүйлөп жатып денеси жеңилдеп калганын, эти жумшарып тердеп турганына ичинен сүйүнүп алды: "ээ кудай, айыгып кетет окшойм, өзүнөн өзү жакшы болот деген эмне деген шумдук, же мени дарылаттыбы, дем салдырдыбы?" - деп Акмат келгиче башы маң болуп ойлонуп атты.

- Мына алтыным, сенин тамак ичкениң жакшы эмей, - Акмат кудуңдап колуна идишке шорпо көтөрүп келди да жерге коюп аны өйдө кылып артына жаздык коюп ичире баштайын дегенде Арууке колун өйдө кылып кармаганга аракеттенди, бирок алсыз колдору кармай албасын сездиби, кайра таштап жиберди, - Мен эле ичирем, азыр алың жок, бара-бара жакшы болуп кетесиң, - деп ичирип жатты. Арууке азыраак ичти да: "болду" деп отуруп калды.

- Ичтим, жамбашым талып кетти, жатайынчы, - деди алсыз, - Акмат аны кайра кайра жаткыргандан кийин:

- Акмат, мени эмне кылып дарылаттың, өзүмдү абдан жакшы сезип жатам го? - деп сурады Арууке.

- Жок алтыным, балдарым үчөөбүз сени кудайдан сурап албадыкпы, эч кандай дары-парысы жок эле, - Акмат аны бетинен өөп, - тердегениң сонун болуп сенин ооруң ошол тер менен чыгып жатат. Жылуу жамын, тер карышып калып дагы эсибизди чыгарып жүрбө, - деди эки жагын кымтылай.

- Тим эле өзүмдү жеңил сезип кылыптырмын, - деп ордунан туруп аткан уул-кызын карап жалынып койду, - кудай мени ушу жамандарым үчүн боору ооруп албады окшойт, - деди эле кызы келип баса калып өөп анан сыртка чыкты.

- Кудай буйруса аз күндө куландан соо болуп кетесиң, - Акмат кудуңдай анын жанында улам териси шылбырай түшкөн колдорун кармалап отурду, - карачы, тим эле денеңдин бошой түшкөнүн.

- Ыраазымын сага Акмат, өмүр бою сенин жакшылыгың көкүрөгүмдөн кетпес, - Арууке алсыз ысык алаканы менен Акматтын колун сылап койду. Ошентип кечээ эле бири өлүмдүн суук чеңгелинен кайткан жан, бири ошол жан шеригинин жанын кудайдан тилеп ал үчүн жанын сабап жүгүрүп жүрүп өлүмдөн алып калганына ичтен кубанып сүйүнүчү чексиз болуп отурган эки адам бири-бирине өбөк-жөлөк болуп уул-кызынын денсоолугун, өмүрүн тилеп жай турмушту өткөрө башташмак, бирок алардын жашоосунда чуулгандуу окуя болуп кетээрин сезбей бактылуу бабырашып атышты…

***

Роза уул төрөдү, Нурматтын кубанганын айтпа, буту жер баспай тим эле учат: "Жараткан, ушунуңа миң мертебе ырахмат, Роза менин жүрөгүмдү ойготпосо жападан жалгыз өтмөкмүн, алтыным менин, ырысым!" деп кудуңдай батирине кирип бара жатканда анын башына таяк тийип көзү караңгылап барып жыгылып калды. Ал жыгылганда коркуп кеткен Рыскул артын карабай басып кетти. Нурматтын сулап жатканын коңшусу үйүнөн чыгып келе атып көрө коюп тез жардам чакырып ооруканага жөнөтүп жиберди. Ооруканага баргандан кийин өзүнө келген Нурмат башынын зыңгырап ооруганына чыдай албай онтоп атты. Башынын жарылып кеткен жери таңылуу эле. Эмне болуп кеткенин билбей: "менин душманым ким, эмнеге мени өлтүрмөк болду, кимге жамандык кылдым экен?" деп чыдай албай атып ойлоно берди. Роза болсо үйүнө кетип эле кечигип жаткан күйөөсүн күтө берип тажап өзүнчө таарынып жатты: "Эмнеге кечикти, түндө кетти эле, уктап жатабы, кантип уктамак эле", элдин баары гүл көтөрүп келип аялынын бетинен өөп куттуктап жатканын көрүп ичи күйүп атты. Эртеси кечке күтүп анан үйүнө телефон чалды эле эч ким албады. Анан: "жууп жүргөн го, бир келип кетип деле жууса болот эле, ичип алып келе албай жатабы" деп ойлоп Иван Тимофеевичке чалып көрдү, алар көрбөгөнүн айты. Тынчы кеткен Роза батириндеги коңшусунун телефонуна чалды эле ал аны ооруканага жеткиргенин айтканда жүрөгү шуу дей түштү: "Кубанычтан жүрөгү жарылып кетпеди бекен, эми кайсы ооруканадан издейм, ай кудай ай" деп ойлогон Роза ыйлап алды. Эми эле эзилип чопулдатып өпкүлөгөн ымыркайды жактырбай: "шүмшүк, атаң аман болсо го жакшы, кокус бирдеме болсо сен талаада каласың, анда мен дагы өлөм" деп ойлоп дел боло отура берди. Үчүнчү күнү эч нерсе ичпей дагы уулун эмизбей жатып алган Розаны сестра кирип күйөөсү чакырып атканын айтканда ыргып туруп эшикке жетти да ыйлап кучактап алды:

- Сага эмне болду, дайныңды билбей жаман болуп кеттим, эмне болуп жыгылып жүрөсүң? - деп көздөрүнө көзүн кадады, - чалыныппы же кубангандан…

- Ооба жаным, кубанычтан өзүмдү билбей калыпмын, - Нурмат ага эч нерсе айтпады.

- А эмнеге бир жолу бул жерге звонит этип койбодуң?

- Сени ойлонбосун дебедимби, жыгылганымды кайдан уктуң?

- Кошуна оруска чалсам ошол айтты.

- Алтыным ий, мен үчүн сарсанаа болгонуңдан сенин, уулум кандай?

- Жакшы эле жатат… - Роза аны карабай атканын айтпады.

- Атын ким коёбуз, эркем? - Нурмат Розаны эркелете өөп койду кучагына кыса.

- Атын өзүң эле кой, анткени биринчи уулуң эмеспи.

- Макул анда, Рамис койолу ээ?

- Мейли, сен тандаган ат, мага да жагат! - Күйөөсүнүн оозунан өптү.

- Жаным ий, өзүңдүн ал-абалың жакшы элеби?

- Эң сонун!

- Ошондой эле болсун, эртең уулум экөөңдү алып кетем, даярданып тургула.

- Дайым даярмын! - Экөө көпкө эзилишип туруп анан Нурмат үйүнө жөнөдү. Ал чочулап дагы эмне болуп кетет деген ойдо эки жагын элеңдей басып маршрутка келчү жерге келип: "шумдук, ким болуп кетти экен, Розанын туугандарынан болду бекен же жигиттериненби? Жашаган жерден атайы чапканына караганда издеп жүрүп таап алган бирөө.. Же баягы ала качып кеткен жигит болуп жүрбөсүн?" деп ойлонуп алып, ошол Рыскулдан шекшип туруп алды. Эл менен туруп да ар жак, бер жагын каранып шектүү адамды издей берди. Үйүнө келгенден кийин дагы ойлонуп тынчы кете берди: "Болду болбоду ошол, башка болушу мүмкүн эмес" деген тыянакка келди. Башы ооруганы аз-аздан жакшы боло баштады. Эртеси кыпкызыл роза гүлүнөн букет алып алды да Розасына жөнөдү. Аны чыгарып документин бүтүрүп коюптур. Таксиге салып батирине келип эми кирип баратканда ал жерде турган Рыскулду Нурмат көрүп калды. Роза байкаган жок: "демек бул бизди акмалап жүргөн экен" деп ойлоп ичкери кирип кыргыздын ырымын кылып уулу менен Роза экөөнүн башына суу айлантып чачып, анан:

- Алтындарым десе, эми силер отура тургула, мен сүт алып келе коёюн, - деп шаша чыгып кетти. Ал Рыскул менен ачык сүйлөшөйүн деген ойдо эле, бирок аны таппай калды. Ары жүгүрүп, бери жүгүрүп эч жерден таппай кайра үйгө кирди эле:

- Эмне, сүт жок бекен? - деди Роза.

- Ой ата-аңдын көрү десе, мен… - деген Нурмат кайра чыгып дүкөнгө жөнөдү. Дүкөнгө сүт алууга кирип баратып ошол жерден Рыскулду көрүп таң кала сүт албай эле аны сырттан күтмөк болуп туруп калды. Ал жүз грамм арак куйдуруп ичип анан чыга берип Нурматты көрүп делдээ туруп келип бир аздан кийин учурашып калды:

- Атсалоому Алейкум!

- Алеки Салам, кандай жигит?

- Жакшы, жакшы, Нурмат Касымович! - Рыскул тайсалдай калды.

- Атың ким, жигит?

- Рыскул.

- Рыскул, жүр мындай басалы, сени менен сүйлөшчү сөз бар эле?

- Мейли, - Рыскул аны менен бирге баратып: "билип калган го, эми эмне дээр экен" деп ойлонуп баратканда Нурмат элден ээнирээк жерге токтоп аны тике карай:

- Жигит, экөөбүз анык эле сүйлөшөлү: менде кандай өчүң бар, эмне дартың бар? - деди.

- Сиз… - Рыскул ойлоно калып анан, - Билбейсизби? - деди күлө кекээр үн менен.

- Эмнени?

- Сиз Розанын башын айлантып алып биякка баса бергениңизди, ал өз теңине тийиш керек эле го, жаш кызды алдап алгансыз да?!

- Ким айтты?

- Мен!

- Сен кантип билдиң, балким өз калоосу менен келген чыгаар?

- Кантип эле өз эрки менен атасындай киши менен ээрчип келе берсин?

- Кыскасы мындай, эгер дагы бир жолу катыла турган болсоң анда өзүңө жаман, максатың мени эле өлтүрүш болсо мына алдыңда турам!

- Розаны алдап-арбап албасаңыз тийишмек эмесмин, мен аны сүйүп калганмын, ата-энеси да макул болчу.

- Роза мени сүйөт, сени эмес, ал эми ата-энеси макул болсо айта бар, биздин балалуу болгонубузду, - деди да Нурмат басып кетти.

- Мен бирди көрсөтөм сага! Роза сүймөк эмес, картаң кишини сүйүп жинди болуптурбу?! - Рыскул анын артынан сүйлөп кала берди. Нурмат үйүн көздөй кетип атып кайра бурулуп дүкөнгө кирип сүт алып башын чайкай кетип атты: "демек шекшигеним туура экен да, сак болоюн, Розаны дагы сак бол дейин" деген ойдо кирип келип Роза баласы менен алышып жатканына ичи элжирей эңкейе экөөнү тең өөп койду.

- Эмнеге кечиктиң?

- Бир таанышым жолугуп сүйлөшүп туруп калдым, секет.

- Аа-аа мейли, - Роза баласын ороп-чулгап анан көтөрүп алып эркелете баштады:

- Күчүгүм го, атасына эле окшош го, кайасаң муйдун, көжүн! - деп Нурматты карады. Ал баланы ала коюп:

- Мага мурду, көзү окшош, ал эми кашы, кирпиги узун болуп сага окшош экен, көрдүңбү?

- Экөөбүздүкү да?! - Роза мулуңдап жыргай күлүп да калды.

- Жаны го ушулар, мен жашарып баратам, карачы жаш жигиттей жүрөгүм ээлигип турам.

- Жаным, сен жапжаш элесиң, мага жыйырма бештегидей эле көрүнүп турасың!

- Алдаба, эркем, алдаба-аа! Андан көрө өкүнбөйсүңбү, мага жаштык кылып байланып алганыңа, ээн эркин басып, ойноп күлүп жүргөн жаштарды көргөндө?

- Эмне деп атасың, өкүнмөк тургай сенин жаныңда болуу мен үчүн чо-оң бакыт экенин түшүнсөң ушинтип айтмак эмессиң! - таарынып калды Роза.

- Койдум, койдум апасы, - деп Розаны кучактап таарынычын жазып өөп-өөп алды да ойлуу анын көзүнө карап, - Роза, баягы сени ала качкан жигитке жолуктум, - деди эле ал чоочуп кетти:

- Каерден?

- Дүкөндөн, арак ичип аткан экен. Кыскасы сак бол, бая күнү мен өзүм жыгылбай эле ошол башка бир нерсе менен чаап жиберген, менден сен үчүн өч алат имиш.

- Эмнеге?

- Сени азгырып, башын айлантып алгансың дейт, кыскасы ал мени өлтүргөнү жүргөн го?

- Койчу?!

- Койбой эле, экөөбүз ачык эле сүйлөштүк, мени кекетип калды.

- Азгырбай эле өзү мени сүйөт дебейсиңби?

- Ошенттим, ишенбей атат.

- Азыр… - Роза үйдөгү телефонуна ата-энесине чалып кирди.

- Эмне кылып атасың?

- Атамдарга аны тыйып койгула деп айтам!

- Койсоңчу, дүрбөтө бербей, - дегиче Роза сүйлөшө баштады.

- Ата кандайсыңар, мен Розамын!

- Оо кызым, кандай, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Ооба, баары жакшы. Ата, мен силер менен ачык сүйлөшөйүн дегем.

- Сүйлөй бер, кызым…

- Ата, апа! Экөөңөр мени кечирип койгула, күйөөгө тийип бир жума мурун балалуу болдук.

- Аа-аа… - Камбар ойлоно түшкөндөй көпкө унчукпай калды. Трубканы Зымырат ала койду, - Ало-о, Роза, сенсиңби кызым?! Кандай деги, оорубай эле жүрөсүңбү?

- Жакшы эле жүрөм… Апа, мени кечиргиле, силердин тилиңерди албай…

- Эмне болду кызым? - дегенде трубканы кайра Камбар алды. "Мен сүйлөшөйүнчү, коё турсаң боло" деген үндөрү Розага угулуп турду.

- Ало, Роза, угуп атасыңбы?

- Ооба, угуп атам, ата.

- Анда угуп тур кызым, эмнеси болсо да бактылуу бол, уулбу же кызбы неберем?

- Уул.

- Болсун кызым, аман бол, күйөө балага салам айтып кой, уулуңду бетинен өөп кой!

- Ырахмат ата, сизге ыраазымын!

- Күйөө бала кайдан экен, кайда иштейт?

- Ал Чүйдөн эле, окуу жайда иштеп жатат. Ата, ал менден бир топ улуу, профессор өзү.

- Эмне дейт?! - Камбар чоочуп кеткенде дагы Зымырат ала койду.

- Ало Роза, эмне деп атасың кокуй, күйөөң өзүңдөн улуубу?

- Ооба апа, мен өзүм жактырдым! Силерге айтайын дегеним такыр башка: апа, Рыскулуңар биякка келип алып бизге тынчтык бербей атат! Нурматты өлтүрмөк болуп башка чапкан экен, кудай сактап аман калды, эгер ал бирдеме болсо мени тирүү көрбөйсүңөр! - Роза трубканы коюп койду.

- Бекер кылдың, алар аны кантип тыймак эле, же алар атайы жиберди дейсиңби?

- Тууганы болот, айтат да.

- Өзүң бил алтыным, эмнеси болсо да сак болбосок болбой калды… - Нурмат ойлуу отуруп калды. Ошону менен экөө тең баласы чукуранып ыйлай баштаганда алаксып калышты. Бирок экөөнүн тең оюнда: "Эмне болуп кетет, эмне болот, деги кудай сактаса экен, кокус Нурмат бирдеме болсо… оо кудай өзүң сактай көр", деп Роза өз оюнан коркуп кетти. Нурмат: "Байкабай эле калбасам, кокус көрүп калсам атасын таанытам, чегирткеден корккон эгин экпейт, дегендей болоор болбостон коркуп бүжүрөп эмне" деп өзүнчө ойлонуп атты. Ошентип жашоону жаңы баштаган экөө ымыркайына имерчиктеп бапырап эле калышты. Бул сүйүүдөн курулган чакан үйбүлө ушул учурда абдан бактылуу болуп эч нерседен капарсыз эле…

Турмуш деген табышмактуу, тагдыр аларга дагы кандай кырсыктарды алып келээрин сезбей Рыскулдун аларга карай кайрылган мизи курч бычагын унута жаздап калышкан. Жаз жадырап кирип келген менен Россиянын суугу дале күчүндө. Иван менен Лена аларды конокко чакырышкандыктан наристесин жылуулап ороп алып алардыкына кеч күүгүмдө барышкан. Бир топко чейин отурушуп анан үйүнө жөнөштү. Иван аларды өзүнүн машинасы менен жеткирип келип үйгө кирбей кете берди. Үйүнө келген Нурмат көтөргөн баланы Розага берип эшикти ачмак болуп чоочуп кетти. Эшик ачык турган экен, акырын ачып кире бергенде Нурматтын алдынан Рыскул чыга калды да, кармап алып кекиртегине бычак такап туруп калганда Роза бакырып жиберди. Аз жерден колундагы баласы түшүп кете жаздады.

- Чыгарба үнүңдү, эр сөрөйүңдү мууздап сала электе кир биякка! - деди ал көзүнүн чаарын чыгара.

- Эмнеге өлтүрмөк элең, өлтүрө көрбө Рыскул, балабыз бар, тууган эмеспизби? - Роза калчылдап коркуп турса дагы токтоо сүйлөдү.

- Бас үнүңдү, мени чанып ушул как башты таптыңбы ыя, же бул какпаш сени алдап азгырдыбы?

- Рыскул, кой бер, мени эмне кыйнайсың? Мен Нурматты өзүм сүйүп тийдим, кудай жалгагыр, суранам, коё бер!

- Ыхы - деп алды Рыскул кекээр күлүп, - сүйүппү, атаңдай немеге алданып калып акыры аргасыз тийдиң го ээ?

- Жо-ок! - Роза чаңырып жиберди. Ошондо Рыскул Нурматты жиниккендей түртүп ийип Розага барып жаакка чаап-чаап жиберди. Нурматтын сыртка чыгып кеткенин байкабай калган Рыскул эки жакты карап аны таппай калды. Анан алаңдай сыртка качып жөнөгөндө алдынан келаткан Нурматка колундагы бычакты шилтеп ийип дагы ураарда үч-төрт орус аял эркектин келатканын көрүп качып кетти. Бычак чала тийип ичин баскан Нурмат кирип чырылдаган Розаны тынчтандырды:

- Болду Роза, ыйлабай тез жардам чакыргыла, мен эчтеке деле болбойм, сыртын эле чийип кетти окшойт.

- Аай кудай ай, ушул шүмшүктү түрмөгө чиритпесем элеби?!

- Ансыз да түрмөгө түшөт ал, эскерткениме болбоду, эми аны аябайм.

- Анын эмнесин аямак элең, өлүп кетсинчи! - Заматта тез жардам келип Нурматты алып кетти. Тез жардам келгенче Нурмат Иванды чакырып койду телефондон. Иван шашып-бушуп кирип келди да, ыйлап баласын кучактап отурган Розаны баласы менен машинасына салып алып адегенде ооруканага барып Нурматты көрүп анан үйүнө жөнөдү. Нурмат ага Розаны дайындады. Анын сол бөйрөк тарабына кирген бычак бөйрөктү аз жерден тешип өтө жаздап жетпей калган экен. Тигип коюшуптур. Роза нез болгондой үнсүз отурду. Лена ага ар кайсыны сүйлөп алаксытып баласын алып эркелетип атты. Ивандын мурунку аялынан эки баласы чоңоюп үйлөнүп кетишкен. Лена менен жашаганына беш жыл болду, экөө абдан ынак жашашат. Лена баланы жакшы көрүп колуна алып мурдунан чымчый эркелеткен сайын наристе чукуранып бети башын тырыштырып койсо ошого маашырланып отура берди: "Канткенде Рыскулду карматып түрмөгө тыгам, сүрөтү да жок" деп ойлонуп отуруп Ленадан Бишкекке телефон чалып алайын деди эле ал:

- Оой Роза, сурабай эле чала бербейсиңби, - деди эле телефонду бурады:

- Ало, ало ата!

- Угуп атам, Розасыңбы?

- Ооба, ата! Рыскул бизди өлтүрүп коё жаздады, Нурматты бычак менен сайып, аны ооруканага жеткирдик.

- Жинди болгон го ал, мен анын дарегин билбейм, болбосо айтат элем, тийбе деп.

- Бүгүн биздин үйгө кирип алыптыр, биз конокко кеткенбиз.

- Коркпо кызым, мен барайын, сен дарегиңди айтчы?

- Жок ата, азыр келбей эле коюңуз, биз барабыз, ооруканадан чыкса эле барабыз.

- Анда мейли кызым, жөнөсөңөр чалып койгула, биз тосуп алалы, макулбу?

- Макул. Жакшы тургула! Апама, Гүлжигит менен Айданага, Нуржигитке менден салам айтып коюңуз!

- Айтам, сөзсүз айтам, жакшы жүргүлө, кызым.

- Көрүшкөнчө! - деп трубканы коюп отуруп: "тосуп алабыз деди го, демек мени кечиришкен экен" деп ойлоп кубанып алды. Ошол түнү аябай жаман түш көрүп уктабай чыкты. Анын түшүнө эбак өлгөн апасы Суусаркан кирип кучактап, баягы бала кезиндегидей эле эркелетип атыптыр. Ошондон он күндөн кийин Нурмат чыгып келди. Анын чыгып келгенине кубанган Роза ага атасы менен сүйлөшкөнүн айтып, "Бишкекке кетели" деди эле, ал да муну туура көрдү. Айлыгын алып жолго камынып үч-төрт күн жүрүп калышты. Жөнөөр күнү үйүнө телефон чалды. Алар кубанып тосуп алаарын айтышты. Роза күндүзү бала менен кыйналып, түнкүсүн жаман түш көрө берди. Ага ошол жөнөөр түнү да апасы кирип аны көздөй кучагын жайып: "кел, келе гой, сагындым сени, кызым" деп атканда ойгонуп кетти. Жаш неме ал жаман түштү элес деле албады. Болгону ата-энесине барып бажырашып отурганын элестетип атты. Нурмат келгенче уулунун жанында жатып дагы уктап кеткен экен, түшүндө Нурмат экөө тең канга чыланып жатканын көрүп апасы келди да экөөнү тең ээрчитип кетип жатканда ойгонуп кетип жүрөгү кабынан чыга каччудай лакылдап калыптыр.

Нурмат шашып кирип келип эле Лена менен коштошуп чыгып, Иван өзүн күтүп турганын көрдү. Ал атайы буларды вокзалга узатып коюу үчүн келген экен. Ошентип алар жолго чыгышты. Чоң жолдо зуулдап бараткан Иван алдындагы иномарканы кууп өтөм деп жолдон чыгып кетип КАМАЗ менен сүзүшүп алып, машина эки-үч ала салып барып апайтөштөн ары чалкасынан түшүп жатып калды. Заматта "гаилер" келип, эл толуп машинанын ичиндегилерди сууруп чыгып атышты. Иван менен Нурмат экөө мүрт кетиптир, Розанын кыңылдаган эле жаны бар, башы катуу тийген экен. Баарынан шумдугу - эки айлык наристе тирүү экен, жылуу ороп таңып койгон бала одеал менен бети жабылып апасынын алдында экен, ортого кыпчылып эч нерсе болбогонун көргөн элдин таң калганын айтпа: "Кырк жыл кыргын болсо да ажалсыз адам болбойт" деген сымал баланы энеси менен ооруканага алып кетишти. Роза ооруканага баргандан кийин эле эсине келбей үзүлүп кете берди. Ошентип ата-энесине жадырап-жайнап уулу менен ашыгып бараткан Розанын өзү эмес, сөөгү келди. Боздоп-сыздап, Нурмат экөөнү бир жерге коюшту. Ошол жадыраган май айында төрөлөгөн Роза дал төрөлөгөн айда жыйырма эки жашында бул жашоо менен коштошуп кете берди. Ал эми көзүн ачып жарыктыкты жакшы тааный элек наристе чырылдап Зымыраттын колунда жатты. Кызынын жадырап кирип келишин күткөн ата-эне аргасыз анын жансыз денесин тосуп алышып ыйлап-сыктаган менен үмүт отун ушу наристе жандырып, "кызымдын белеги" деп ошону көзүнүн карегиндей карап багууга киришти…

Рамис улам чоңойгон сайын Розанын эле өзүнө окшоп баратты, көздөрү музоонукундай, кирпиги узун, апаппак балпайган бала болуп чоңойуп, күндө кыял жоругу чыгып "бу-булап" отура берет. Өзү да өтө жоош, ыйлабайт. Зымырат колунан түшүрбөйт, басса-турса колунда. Күлгөндө тим эле боорду эзип ого бетер сүйкүмдүү көрүнөт. Керээлден кечке сүт бышырып, каша берип, буламык жасап онтолой берет: "Розамды ушундайында бөпөлөп бага алган жок элем, эми тагдырдын буйругу мага анын баласын белек кылып берди, оорутпай, ыйлатпай жакшы багайын, садагам ий, жөн эле баладан башкача татынакай чүрпөм, суук көздөн сактаса экен" деп үйүнө кирип чыккандан коруп турат. Ара чолодо Султан аялы экөө келип баланы көрүп, кийим-кечеге сүт, каша алып келип беришет. Ага Камбар менен Зымырат каршы болуп:

- Капырай, тим эле койбойт белеңер, тырмактай немени өзүбүз деле бакканга кудуретибиз жетет эле, уят кылып атасыңар.

- Оо кудагый, келиним менен Нурматттын көзүнүн тирүүсүндө сыйлаша албай калбадыкпы, бечаралардын өмүрү кыска болуп калганын карабайсыңбы, болбосо абдан ынтымактуу кудалардан болмок экенбиз.

- Ошону айтсаңар… - Зымырат ыйлап кирди, - чунак кыз бизден тартынып айта албай коюптур, ачык айтканда түшүнөт белек, шаарга качпай эле биерде болот беле… - көз жашын аарчый, - чайдан ичсеңер, эми мына жаман бала үчүн да катташып турганга туура келет, - деди Зымырат бошогон чыныга чай куюп сунуп атып.

- Анан эмне, кичинекей белегибиз үчүн келбей анан, бизде болсун дегенге болбой койдуңуздар, - Султандын аялы сөзгө кошулду.

- Кой, жок дегенде кызыбыздын жытын ушундан издеп искеп кубат кылып туралы, дегеле көзгө жакын, чоочун көздөрдөн коруп эле турам, - Зымырат Султандын алдында отурган алты айлык наристени эзиле карады, - Садагам десең өтө эле көзгө жакын болуп баратат, жоош, бир ыйлабайт.

- Нурмат кичинекейинде так эле ушу Рамистин өзү болчу, жооштугу дагы, оо жаш кезинде бир кызды сүйүп калып ал өлүп калган эле, ошо бойдон такыр үйлөнбөй койгон, канча айтсак да ыначу эмес, былтыр сүйүнүп жетип барыптыр, "аке үйлөнбөсөм болбойт" деп. Анан шашылыш эле экөө кетип калышкан, - Султан кейип отурду, - Ажалга айла жок тура-аа, башы көзү талкаланып деле өлбөй калышат экен…

- Ошону айтсаңар…

- А деген, бу деген менен ажал жетсе колуңдан да жулдуруп ийесиң эми ушу балага өмүр берсин кудай, - Камбар ойлуу жер карап отуруп буларды айтты, - Бир күнү кечинде чалыптыр, үнүнөн таанып сүйүнүп кеттим, анан "күйөөгө тийип алдым, балалуу болдук жакында, атын Рамис деп койдук, мени кечиргиле ата, апама айт мени кечирип койсун!" - деп сүйлөп атат, көпкө дел болуп калыптырмын, анан "күйөөң кай жерлик?" деп сурасам "Чүйдөн" деди. Көптөн кийин "ата, күйөөм менден бир топ улуу, өзүм кааладым, бактылуумун", дебеспи, унчукпай эле калдым. Ошону менен ал телефонду коюп койду.

Камбар буларга Рыскулдун аларды коркутуп бычактаганын айтпады. Аны укса эмне дешмек... Ошону менен Султандар коштошуп жөнөп кетишти. Камбар менен Зымырат бир топко үндөбөй отура беришти. Ким билет алардын эмнени ойлоп жатышканын. Өткөн убакыт аз аздан күйүттөрүн жеңилдетип бара жатты. Рамис бир жашка толуп кас-кас тура баштаганда алардын үйүндө чоң кубаныч болуп, Нуржигитти үйлөнтмөккө кам көрө башташты. Нуржигит өзү менен окуган кыз менен сүйлөшүп келечектин даңгыр жолунда кол кармашып бирге өмүр сүрүүгө бел байлашкан.

***

Арууке күндөн күнгө жакшы болуп, туруп басып өз тирилигине жарай элек болсо да балдарына баш-көз, күйөөсүнө өбөк-жөлөк болуп калды. Акматтын көңүлү көтөрүлүп калды. Жазгүл ага келип чындыгын айтып кечирим сурагандан кийин экөө эже-сиңдидей ынак болуп кетишти. Жазгүл Акматты жүрөгү менен сүйүп калып, эми анын айласы алты түгөнө баштаган: "Эмнеге мен ар дайым ушул аялдын күйөөсүн сүйүп калам? Мен сүйгөн менен Акмат мени сүйөбү? Сүйгөн күндө да кечээ эле өлүмдөн кайткан аялынын абалы эмне болот?" деп түркүн суроону берген менен жообу жок эле…

Аруукенин улуу баласы Эмирландын жүрүш-турушу такыр башкача болуп кетти. Акмат кийинки кезде анын жүрүшүнөн чоочулай баштады, бирок ичинен чыгарбады. Аны Арууке да сезет. Экөө тең Эмирлан жөнүндө сүйлөшкөндөн качып турат. Эмирлан сабактан келе жатып "мен сенин атаңмын", деген адамга жолугуп калып: "сүйлөшсө сүйлөшүп коёюн, баары бир өзүмдүн атам турбайбы" деп ойлоп маңдайынан атайы чыга калган Эмирланды Төлөгөн көрүп эле:

- Ассалому Алейкум, - деп колун суна калды.

- Аллейма Ассалоом, - Эмирлан сунган колун алик алып кайсаңдап туруп калды.

- Уулум кандай деги, апаң болсо мени жолотпой жүрүп сени менден алыстатып койду, өз деген өз, өгөй өгөй да?!

- Айтчу сөзүңүз болсо мындай эле айтыңыз эми, өгөй-пөгөйүнө жетпей эле, - Эмирлан кыртышы сүйбөй жооп берди.

- Аа-аа атаң, сен да энеңди тартсаң керек, кеп укпаган, сени мен ойлоп жүрүп чачым агарды.

- Ойлонуп жүргөнүңүз чын болсо бир жолу жаш кезимде келип кетпейт белеңиз, жок дегенде эсимде калат эле, эми сиздин атам экениңизди кантип билем?

- Ой бала, сен өзүмдүн балам болбосоң бирөөнүн баласын менин баламсың деп мага эмне кызык?

- Болуптур, эми эмне кылышым керек? - Эмирлан аны тике карап сурады.

- Эмне кылмак элең, мени менен үйгө бар, сенин урматыңа эл чакырып "балам келиптир" деп той берем, үйлөнөм десең үйлөнтөм.

- Качан барайын?

- Качан болсо сен үчүн эшик ачык, азыр деле…

- Кайда бараарымды тактап айтың, эртең өзүм барам.

- Макул, - Төлөгөн шаша төш чөнтөгүнөн блокнот, ручка алды да жазып колуна карматты, - Күтөм, уулум.

- Сөзсүз барам! - Эмирлан колундагы кагазды мыкчый кармап туруп калды да ойлуу басып кетти.

Ошол күнү ал кафеге кирип пиво ичип отурган. Бир кезде Керимбек кирип бир кыз менен ары жактагы столго отуруп калды. Эмирлан анын жанындагы кызды улам-улам карап: "сулуу кыз экен, жигити тоже ничего" деп ичинен ойлоп, пиводон ууртап коюп эртеңки атасынын үйүнө барганды ойлой берди: "айланайын, келип калдыңбы", дешип өзүн тегеректегенди элестетип жүдөгөндөй селт этип алды. Кайрадан тиги кызга көзү түштү. Керимбек экөө жай бирдемелерди сүйлөшүп отурат. Бир кезде Керимбек туруп ары көздөй басып кетти, кыязы ал ажатканага кетти окшойт. Ошондон пайдаланган Эмирлан анын жанына барып кызга сүйлөй баштады:

- Чоң кыз, сиз мага жагып турасыз, таанышып албайлыбы, - дегенде кыз аны жалт карап алып:

- Сиз менен таанышканга убактым жок! - деди жаман көрө.

- Эмнеге чоң кыз, балким мен сиздин жигитиңизден да жакшы сыйлаармын, - Эмирлан ыржайып эңкейе кыздын жүзүнө жакындаганда ал:

- Сыйың менен болбойсуңбу, мас болуп алып жалжаңдабай! - деп кыйкырып жиберди эле Эмирлан:

- Ушунчалык эле текебер кызсыңбы, сендейлердин далайын көргөм! - деп ачуулана артына бурула бергенде Керимбектин алаканы аны бет талыштыра бир тийди. - Ээ-эй энеңди, сен кайдан чыккан немесиң ыя, шуркуяга болушуп жатасыңбы, мындай сойкулар азыр толо, мен сага көрсөтпөсөмбү?! - деп ага атырыла муштумун түйө коюп жиберүүгө камынып колун көтөрүп келе жатканда Керимбек аны кулак түпкө коюп калды.

- Тапкан экенсиң шуркуяны, өзүң кайдан чыккан маньяксың? - деп кызды ээрчите басып баратканда Эмирлан аны артына жетип желкесинен тарта өзүнө каратты да коюп ийди. Элдер ызы-чуу түшүп, сыртты карай чыга качышты. Экөө былчылдашып эле калышты. Бир кезде милиционер келип экөөнү ажыратып Эмирланды салып кетти, Керимбек болсо бети башы сыйрылып, канап, кийиминин баары кан, эптеп туруп оңдонуп анан кызы экөө сыртка чыгышты эле, аны милиционер көрсөтмө берүү үчүн бөлүмгө алып кетти. Ооба бирин-бири тааныбай кызылдай былчылдашкан эр азамат жигиттер бир энеден туулган жатындаш бир туугандар эле…

Эртеси уккан Акмат менен Арууке бөлүмгө жетип келишти, Эрландын беттеринин айрылган жерлерин көрүп Аруукенин жүрөгү сыздап кетти.

- Олда кагылайын ай, кайдан жүрүп мушташып жүрөсүң, ал кандай неме экен, аны менен сүйлөшөйүн… - деп атканда Керимбек кирип келип эле Аруукени бир карап турганда милиционер:

- Аа-аа мына, бу жигит да келип калды. Кел жигит, отур мындай, - деп орун көрсөттү, эч нерседен капарсыз.

- Керимбек, сенсиңби?... - Арууке ордунан тура калды. - Экөөң мушташтыңарбы?!

- Ал эмнеңиз эле? - Керимбек чоочулай сурады.

- Уулум… - Арууке ый бууган тамагын "ык" дедирип алып, - Ал сенин иниң. Алда кудай ай, мен… мен ырысым жок, - деп муңкана ыйлап жиберди. Ошондо гана Керимбек түшүнө калып Аруукени карабай милиционерди карады да:

- Ишти жаап коё бериңиз, кечирдим! - деп коюп бөлүмдөн чыгып кетти. Милиция таң кала ийин куушуруп коюп кала берди. Арууке Эмирланды ээрчите сыртка чыгып баратып:

- Балам ай, бирдемени байкасаң болмок, ал сенин бир тууган агаң! - дегенде ал энесин карап:

- Эмне, кайра-кайра күйөөгө тийе бергенсизби? - деди бурк эте.

- Ал эмне дегениң ыя, энеңе ушул суроону кантип бердиң? - Арууке ызалана уулун жекире карады, - Ушу сен киши деле болбойт окшойсуң?!

- Ал балаң сизди тааныса эмнеге үйгө барбайт?

- Таарынып жүрөт, бала туруп көк экен, эч жибите албай койдум, ал жакта эжең да бар, ал Керимбектен кичүү, - деди Арууке, - Аты Кундуз.

- Аны ырас айтып койдуңуз, болбосо тийишип алып жүрбөйүн, - Эмирлан күлүп койду эле Аруукенин жини келип кетти:

- Ушу сенин акылың жок ээ?

- Эмнеге, чынын айтып жатпайымбы?

- Кой балам, анын бетин ары кылсын, - Арууке уулу менен сүйлөшүп баратканда Акмат үндөгөн жок.

- Андай болсо агам, эжем менен тааныштырып койбойсузбу?

- Кудай буйруса таанышасың балам, сен андан кечирим сурашың керек!

- Сурайм, албетте, - Эмирлан эми гана уялгандай түр көрсөттү, - менден кетип калды, сөзсүз кечирим сурашым керек, - деди да: "кызык, мен өз атамды билбей чоңойсом, а булар апасынан алыс чоңойуптур, эмнеге бир күйөө менен жашабай күйөөгө тийе берди экен?" - деп ойлуу баратып, - Мен бир жакка барам апа, эртең үйгө барам, бүгүн күтпөгүлө! - деп ылдамдай басып кетти. Арууке оозун ачып: "Кайда барасың?" дегенге үлгүрбөй кала берди. Ал кечээки атасына берген убадасын эстеп ошо жакка бармай болгон эле. Бирок бетинин сыйрылганын ойлоно калып: "ушу бойдон барсам болбой калат го, эмне деп ойлошот?" деп кайра баруудан баш тартты. Ал ошол күнү дагы пивоканага барды, көпкө чейин ичип отуруп кызып да калды. Башы айлан көчөк болуп чыгып баратып бир кыз менен сүзүшүп алды.

- Кечиресиз… - деп чыгып баратканда аны кыз сөгүп коё берди, бирок Эмирлан үндөгөн жок, "Менин атам бөлөк болсо, мени Акмат өз баласындай көрөт, ушул убакка чейин уулум деп гана айткандан башка жаман сөз айтпайт. Эми өз атамды да байкап көрөйүн. Кызык, неге аялдар башка-башка күйөөдөн төрөй берет? Жанагы узун бойлуу, сулуучумак неме агам экен, ушул убакка чейин бири-бирибизди тааныбайбыз, эмнеге бизди бириктире албайт, апам жаман аял болсо мени алпештеп чоңойтмок беле, анан эмнеге?" деп ойлоно ээн-эркин болгусу келип жалгыз басып жүрө берди. Түн кирип кеткенин сезбей жүрө берип анан үйүн ойлоду: "бүгүн барбайм деп койдум эле" деди да түнкү камоктордон дагы пиво алып ичти, кайра жүз грамм куйдуруп ичип кайда бараарын билбей басып жүрдү: "үйгө барсам көнүмүш адат: 'кагылайын, айланайын жакшы бол, ичпе, тынч жүр'.. Тажадым, деги каалагандай жүрө албайсың" деп ойлоп колун шилтеп койду. Анан анын эсине анда-мында бара койчу келин түштү, анын дүкөнү бар, Эмирлан барса төгүлүп-чачылып эч нерсесин аябай кучагын жая тоcуп алат. Ошону көздөй жөнөдү. Ал келсе дүкөн жабык экен, артынан кирчү эшигине барса бакылдап эркектин үнү чыгып жатат, бир аз туруп тыкылдатты эле Самара чыгып:

- Кел Эмирлан, кир бул жакка? эмнеге туруп калдың? - деди ал шакылдай.

- Конокторуң бар тура, кирбей эле коёюн, - Эмирлан киргиси келбей туруп калды эле Самара болбой колтуктап тарта киргизип эшигин жаап алды. Үчөө эле отурган экен. Самара кызып калыптыр, аны берки лөкүйгөн эптүү, жөндүү неме улам эле кучактап өбө бергенине Эмирландын жини келип атты. Бирок билгизген жок, бириси кызып калса да тынч отурат. Ойлонуп отуруп: "Эмнеге мени тартып киргизди, эгер мындай болсо көзүмө көрсөтпөй эле кетирип ийип өзү ойноп-күлө берсе болмок экен" деп бир эсе Самарага да ачуусу келди. Бирден, экиден, анан үчүнчүсүн алышты, ортодо бышкан эт менен чучуктар турат. "бул ойношу болсо керек, мен буга эч нерсе алып келбей эле ичип жеп кетип калам, мага көрсөткүсү келген го, жалап" деп жини кайнап чыкты. Бирок тигилер эч нерсени байкабай бажылдаша берди. Самара бир-эки жолу созолонуп ырдап да ийди, аны коштоп беркилер дагы корулдап ырдап жатышты. Эмирлан Самараны карап аны эшикке чакырып чыкты.

- Самара, бошойсуңбу же булар менен түндө каласыңбы?

- Ай алтыным десе, ошончолук эле мени каалап турасыңбы ыя? Алар эми кетет да, жүрү отура бер. Кетсин, анан деле…

- Чыныңды айтчы, сенин ойношторуңбу же?

- Омэ-эй ай, сен… сен кызыксың го, ойнош деген толо! - Самара балп эттирип салганда Эмирлан ого бетер жини келип аны колунан силке орой сурады:

- Бол айт, мен кете берейинби анда? Толгон ойношторуң менен жыргай бер! - Эмирлан артка кайрылып кете бере турган болгондо аны Самара жетип кармап калды:

- Токточу эми, токтосоң ай, алар деген крутой немелер, сен болсо менин сүйгөнүмсүң, азыр кетирем аларды.

- Кетир анда, мен эшикте күтөм!

- Азыр, - Самара теңселе басып кирип кетти. Чынында алар кетмек эмес эле, алардын бири кетип бири калмак. Самара кирип келип эле:

- Эми силер баргыла, мен эс алайын, өзүңөр деле билесиңер, эртең дүкөндү ачпасам болбойт, - деди.

- Мен эч жакка барбайм Самара, бүгүн сенин койнуңда болом! - деди күржүйгөнү.

- Ооба, мен болсом кетем, силер… - тигил зорго сүйлөп отурган жеринен өйдө туралбай оонап жатып калды.

- Жаңыбай, бүгүн мен чарчадым, эртең эле келчи, арак ичпей эле жатабыз, макулбу?

- Ой энеңди жалап, жанагы жаш бала менен жаткың келип мени кубалаганы турасыңбы ыя?

- Андай эмес, чарчадым, мынабу дүкөндү кайтарбасам болбойт да, ал бала кайтарат, мен эс алам?

- Көп кыйшаңдабай мени ыраазы кыласың, мен бүгүн кетпейм эч жакка, ал күчүгүңдү болсо сырттан кайтара бер деп кой!

- Койчу Жаңыбай, бүгүн мен сени менен боло албайм, эртең кел! - Самара ага катуу айтканда Жаңыбай тура калып аны колунан кармап:

- Эй энеңди урайын жалап, мен сага оюнчукмунбу, баятан берки чачканымды ЦУМдагы кыздардын бирине берсем керек болсо оозунан берет, чойчоктоп калганын кара! - деп бир койду эле, Самара чаңырып жыгылып түштү. Ошондо анын үнүн уккан Эмирлан киргенде ордунан туруп аткан Самара колу-бети сыйрылып:

- Кет деп жатам сени, мен сени менен болбойм, азыр милиция чакырам! - дегенде күрөктөй болгон колу менен дагы чаап жиберди:

- Жалаптарга жакшылык жок, эн-неңди! - деп сыртты карай басып баратып Эмирланды көрө коюп ага тийише кетти:

- Ой күчүк, сен бу сойкунун кыныгын алып, чуңкурга түшүп алгансың го, ээ, хи-хи-хи, мейли сендей күчүктөр берсин сазайын! - деп чыгып баратканда Эмирлан аны жакадан алып:

- Эмне деп атасың, ким күчүк? - деди эле тигил муунуп баратса да:

- Сен, сен күчүксүң уктуңбу, энеңдей кылып алып жата бер! - дегенде Эмирландын ачуусу келгенинен өзүн билбей тигини кармаган колу карышып калды эле Жаңыбай кырылдап көкмөк болуп кеткенде Самара жүгүрүп келип колун чыгара албай:

- Коё бер дейм, Эмирлан, өлүп калды, коё бер! - деп кыйкыра берди. Самараны түртүп ийди да тигини коё берип сыртка чыгып кетти. Жаңыбай жерде сулап жатканда аны жаакка чапкылаган Самара ыйлап жатты. Тиги шериги болсо эч нерсе билбей уктап жатат, коңурук тарта. Бир маалда Самара аны жулкулдатып ойготуп жатты. Ал кебелип койбоду эле кайра Жаңыбайды чапкылап бетине суу сээп да көрдү, ал жансыз сулк жатты. Чырылдап ары-бери жүгүрүп жүрүп Самаранын ичкени тарап соолугуп башы ооруп калганда эмеле ичип отурган арактан жүздү куюп басып алды да, милицияга чалды. Алар келип эмне болгонун сураганда Самара:

- Арак ичип отурушкан, тигиниси жатып турбай койду, бул эшикке чыгып келатып жыгылды ошол бойдон турбады, мен эсине келет го деп, бетине суу сээп анан "уктап калды окшойт, мас эмеспи" деп ойлогом, анан деле турбайт, силерге чалдым.

- Тигиниси тирүүбү? - Милиция аны барып буту менен түртүп көрсө көзүн ачып:

- Эй, эмне болду? - деп карап коёт.

- Бул жерде эмне жатасың, ичкенден кийин кетип калбайт белеңер? - деп Жаңыбайды ары-бери салдыра карап, - киши колдуу болгон го, көрсөңүз моюнундагы такты, - деди эле Самара шашып калды.

- Билбейм, эшиктен кирип эле жыгылды, мен аны мастыгынан деп ойлоп суу чачтым, тургузайын деп алым келбеди, - деди.

Жаңыбайдын өлүгүн тез жардамдын машинасы алып кетти. Берки шериги Бегалыны милициялар Самара экөөнү кошо салып бөлүмгө алып барышты. Башы ооруп турган неме эч нерсе түшүнбөй жалдырап отурганда аны тергөөчүгө алып келишти:

- Эмне үчүн түнү менен ичип ал жерде отурдуңар эле?

- Жөн эле, жолугуп бир аз отурдук, анан көбөйүп кетиптир, эчтеке билбейм, тиги келин экөөнүн байланышы бар экен, отурганбыз.

- Балким тиги келин экөөң өлтүрүп койгонсуңар, араңарда башка адам жок беле?

- Жок үчөөбүз эле… аа-а бир жигит келген, анан ал кайра кетип калгандай болгон. Балам, өчүп калыптырмын, өлөйүн эчтеке билбейм!

- Өчүп калганча эмне ичесиңер, сиз да бир күнү ошентип өлүп калсаңыз эмне болот?

- Кудай сактасын балам, башым сынып турат, өлүп калбайын, мени коё бер, жүз грамм ичпесем жүрөгүм токтоп калат го? - Бегалы жалдырап ийди.

- Болбойт, алып барып камап койгула! - деди да Самараны алдырып келди.

- Сиз Жаңыбайды качантан бери тааныйсыз?

- Эки жыл болгон, жаман эмес, мени сыйлачу, анан ошол күнү тиги киши экөө келип калышыптыр, колумдан келишинче сыйладым…

- Үчөөңөрдөн башка бирөө бар беле?

- Ай жок ай! - Самара чоочуп кеткендей түрү менен, - Баса, бир жигит келген, ал бир аз отуруп эле кетип калган.

- Аны тааныйсызбы?

- Жок, тааныбайм, ал жүз грамм арак ичкиси келген неме экен, бир азга отуруп эки куюм арак ичти окшойт, мен да кызуу болчумун, кетип калган.

- Жакшы, сиз аны менен чатакташкан жок белеңиз?

- Эмнеге чатакташмак элем, ал экөөбүз чынын айтсам аябай сый болчубуз, минтип өлүп кааларын билгенде арак ичпей койбойт белем, - Самара курулай бышактап актанып атты, колундагы, жаагындагы сыйрылган жерлери тармал чачтарынан көрүнбөй турган: "кокус аны көрсө сөзсүз менден көрөт, Эмирлан мага болушту, күчүк деп жинине тийбесе ал деле тийбейт эле, эми аны коргоп, өзү эле өлдү деп коём да" деп ойлонуп колунун сыйрылган жерин жеңи менен далдалап койду.

Жаңыбайдын туугандары аны экспертизага бербеди, анын арак ичкенде пристубу бар болчу дешип чыгарып кетишти. Ошондуктан Самара менен Бегалыны коё берди. Ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон кала берди. Үч күн өткөндөн кийин Эмирлан атасы берген дарек боюнча барды эле анын үйүндө боз үй тигилген, эл көп, чоочуп кетип бер жактан эле бирөөдөн сурады:

- Бул үйдө бирөө өлгөнбү?

- Ооба, Жаңыбай деген киши өлгөн, бүгүн коюшту! - дегенде ал кайра сурады:

- Төлөгөн деген киши ушул үйдө турабы?

- Ооба, Төлөгөн акенин агасы болчу өлгөн киши, - дегенде Эмирлан башка чапкандай артына бурулду. Бирок ал деле өзү өлтүргөн адам атасынын бир тууган агасы экенин сезбеди. Анткени ал кайрылып Самарага барган эмес, эч нерседен капарсыз эле: "Мен эми көрүнбөй эле койойун, тааныбаган элдин ичинде ар кимиси карап ушакташат" деп ойлоп жумушу жок басып жүрүп Самара эсине түшүп анын дүкөнүнө кайрылды. Аны көргөн Самара:

- Аа-ай, кайда жүрөсүң ыя? - деп алып дүкөндүн эшигин бекитип келди да болгондун баарын айтып келип, - кыскасы анын бир тууган иниси менен аялы: "ичкенде жүрөк оорусу кармап калчу, эч кимге дообуз жок, тынч жатсын" деп коюптур, болбосо кашайып мен соттолмокмун. сени болсо атаган да жокмун, - деди эбиреп, - деги кудай сактады, ачууң аябай жаман турбайбы?

- Эркектин ачуусу оңой болчу беле, аял белем мен чырылдап отургудай.

- Жаңыбайдын аялы аябай жакшы аял деп укчумун, көргөн эмесмин. - дегенде Эмирлан:

- Ким дейсиң? - деп сурап жиберди, - өлгөн кишинин аты ким эле?

- Жаңыбай дедим го?

- Ушу сенин дүкөнүңдөн өлгөн кишинин аты ошолбу?

- Ооба, эмне болду?

- Кайда турушчу эле?

- Бул эле Сокулукта.

- Ай иттики десе! - Эмирлан жаман болуп кетти, өзүнүн чоң атасын өлтүрүп алганын эми билди: "Мунун баарына апам гана күнөөлүү, өз атамдын колунда болсом туугандарымды тааныйт элем да" деп ойлоп ошол жерден Самарага ачык айтпай ичинен түтөп атты… Анан:

- Куйчу жүз грамм? - деди эле Самара буйдалбай эле куюп бере салды.

- Сага эмне болду? - Ал ичип ийгенден кийин Самара андан сурап койду.

- Эмне болмок эле, бөөдө бирөөнү өлтүрүп алганыма жаным ачып жатат, ачык эле айтып койсоң болмок экен, ушундан көрө жооп берип түрмөгө отурганым жакшы эле…

- Койчу, алтыным десе, аны эмнеге ойлойсуң, балким сен кармаганда жүрөгү кармап өзү эле өлгөндүр, өзүңдү күнөөкөр сезип кыйнала бербечи?

- Кантип? - Эмирлан ачуусу кайнап, эмне кылаарын билбей муштумдары түйүлүп, - Кантип кыйналбайм, бирөөлөрдү жетим-жесир калтырып коюп кантип тим жүрөм?! - деп бакырып жиберди.

- Эмне кыл дейсиң, эми баралыбы?

- Билбейм, деги эмне кылаарымды билбей калдым, анын өлгөнүн мен билбей басып жүрбөйүнбү, "коркутуп койдум" деп.

- Болду эми, көп жиндене бербей дагы бирди ичип ал да үйүңө бар, мен эми соода кылайын, - Самара дагы жүз грамм куюп берди, Эмирлан аны да ичип ийип чыгып кетти. Бир топ кызып алган неме үйүнө келди, келсе Арууке менен Акмат жата элек экен, анын арак ичип алганын өңүнөн эле байкаган энеси урушуп кирди.

- Сени киши болот деп үмүт этип жүрсө, мас болуп келгениң эмнең ыя, азыр сенин иче турган убагың боло элек, жыйырма экиге зорго чыктың го?

- Мен үчүн кам болгонуңузга чо-оң ырахмат! - Эмирлан ички бөлмөгө кирип кетти.

- Сен үчүн камтама болбой жүрдүм беле ыя, бу сен эмне болуп калгансың?

- Жинди болуп калдым, энемдин жакшылыгынан кечээ өз агам менен мушташсам, эми чоң атамды өлтүрдүм, мен кишини, болгондо да Төлөгөндүн бир тууганын, уктуңбу?! Баласы үчүн кам көргөн аял эрден эрге тийип балдарын ар жакка калтырбайт!

- Эмне-е?! - Арууке нез боло үнсүз отуруп калды, - киши өлтүрдүм дейби Акмат, бирдеме десең боло буга?

- Эмне дейин, чоңойду, бойго жетти, биздин эмгегибизди унутпас, акыл-эси бар, жигит болуп калды.

- Мен күнөөлүү турбайынбы ээ?! Атаңдын көрүү, ушуларды ачка калбасын, жылаңач болуп эски кийбесин деп жүрсө…

- Ушундан көрө ач жылаңач чоңойсом да тууган-уругумдун арасында болгонум жакшы эле го? - Эмирлан Аруукени карап босогодо туруп алып сүйлөп жатты, - Сен эси жок аял экенсиң, агам болсо, мен аны тааныбай мушташсам, эми Жаңыбай деген атамдын бир тууганын тааныбастык кылып өлтүрүп алыпмын!

- Кокуй күн, эми эмне болот? - Арууке үрпөйө түштү, канчалык өзүнө акаарат келтирип айкырып атса да эне баланы кыймак беле, милиция алып кетеби деп корко баштады.

- Эчтеке болбойт, менин өлтүргөнүмдү эч ким деле билбейт, мен барып атамдын айткан дареги боюнча билип алдым да, кирбей баса бердим. Эй апа, эмнеге мени минтип алардан да, өз бир тууганымдан да алыстаттың? Кана Керимбек акемен качан кечирим сурап барабыз? Мен билбейм, болбосо барат элем, - Эмирлан ушул кезде көзүнүн жашы салаа-салаа болуп куюлуп турду. Аруукеде үн жок, сөз жок - мелтиреп отура берди. Акмат да унчукпады: "туура, билбеген адам уу ичет болгон тура, бала неме бугун чыгарып алсын, акыры тапмак, ушундай болмок" деп гана ойлонуп отурду.

- Эмне кылайын балам, ырас сен ойлогондой болсо мен күнөөлүүмүн. Бирок түшүнгөн адам үчүн менде эч кандай күнөө жок, балам. Айтаарыңды айт, өлтүрүп салгың келсе мына мен даярмын, ушундан көрө өлүп тынсам эмине... - деди Арууке көптөн кийин.

- Ата, мени кечириңиз, мен сиздин алдыңызда күнөөлүүмүн, мени өзүңүздүн эле балаңыздай көрчү элеңиз, менин башка бирөөнү атам деп атканым сизге деле оор угулуп жаткандыр… - деди Эмирлан Акматты карай.

- Уулум, - Акмат Эмирланды далыга таптай салмактуу сүйлөдү, - мурда кандай көрсөм азыр да ошондой көрөм, сен менин да, Төлөгөндүн да баласы болуп акылдуу адам болсоң болду. Апаң эми турмушта көптү көрдү, аны күнөөлөй берген болбойт, мындай жашоодо көп кезигет, баары эле тегиз эмес, болбойт дагы. Акылга салып апаңды ойлонуп көр, ооруп эми гана сакайды, апаңды ая, уулум.

- Ата, мен түшүнөм дечи… - Эмирлан өзүнө келе түшүп ичкен арагы тарай түшкөн эле, жай отуруп алып башынан бүт айтып берип, - Мен ага макул деп койдум, бирок кантип атам экен деп барып калам, атам укса капа болот го, деп ойлонуп ичип алып Керимбек акеми тааныбай урушуп кеттим, анан… - Ойлуу жели чыгып, бугу тарагандай отуруп калды. Бири-бирин түшүнгөндөй, кечиришкендей болду. Эмки жума атайы кой союп алып куран окутуп Барчынай эненин үйүнө бармак болуп макулдашып жатып калышты: "Керимбек менен Кундуз эне катары жаныма келип, жок дегенде маңдайыма отураар бекен, же кечирбей коёбу?" деп ойлогон Арууке түнү бою кирпик какпады. Акмат аны түйшөлүп уктай албай жатканынан эле билди, унчукпады: "байкушум ай, дегеле шору көп экен, ооруп калбаса болду" деп санааркап атты ал.

Ошондон кийин Эмирлан кадимкидей оңоло түштү. Ал шофёрлук курсту бүтүп, правасын да алып берди Акмат. Эптеп бир фирманын начальниги таанышы эле, Эмирланды өзү кошо жүрүп үйрөтүп маршрутка алып берди.

Болжогон күнү келип Акмат, Арууке, Элдос менен Зарина, Эмирлан болуп чогуу-чараан Барчынай эненин үйүнө барышты. Эне аларды жакшы тосуп алып, Аруукенин сакайып кеткенине кайра-кайра кубанганын билдирип отурду. Керимбек да, Кундуз да жок экен. Аруукенин жүрөгү түпөйүл тартып: "эми балдарымдын, Акматтын көзүнчө уят кылбаса экен, кудай ай, Кундузумду бир кучагыма кысып өпсөм, уулумду бир жыттап алсам" деп улам эшиктен эки көзү өтүп күтүп атты. Бир кезде Кундуз келди. Кирип келип эле тигилерди бир сыйра карап, Аруукени жаман көзү менен атып сыртка чыгып кетти. Жыйырма үчтөгү бойго жеткен кызга эч ким эч нерсе дей албады, Арууке башын жерге салып ыйлап кирди.

- Эмнеге келишиптир? - деди Кундуз сырттан кирип келаткан чоң энесине.

- Апей, келет да, бир туугандарың менен учураш, тааныш, эми сен чоңойуп калбадыңбы? - Эне кызынын сөзүн жактырбай, - "Эмне келиптир" дегени эмнеси экен, төрөгөн энең болсо келет да? - деди.

- Ага биз эми керек болуп калыптырбызбы, ошол балдары менен жүрө берсин, мага андай эненин кереги жок!

- Ок, кантет бу кыз, эсиң жок болуп кетесиң да кызым, жакында күйөөгө тийесиң, бир тууган керек болот, болду, акыйлашпай кирели, - деп Барчынай үйгө карай басканда:

- Мен кирбейм, дегеле көрөйүн деген көзүм жок! - деп сыртты көздөй кетип атканда арытан Керимбек келаткан экен, - Тиги эне сөрөйүбүз келиптир, балдары менен күйөөсүн ээрчитип… - деп калды ага даттангандай Кундуз.

- Келсе келгендир да? - Керимбек кайдыгер гана үйгө кирип тизилип отурган конокторду карай баш ийкеп койду; - Келиңиздер?!

Бул жолу Керимбек качпады, дасторкон четинде отуруп аларга карап: "чай ичиңиздер, тамактан алыңыздар" деп отурду. Тамактанып атканда Кундузду Керимбек чакырып киргизди. Барчынай тамак желип бүткөндөн кийин:

- Балам, кызым, силер эми жаш эмессиңер, өткөн өттү, кеткен кетти, эми мынабу апаңар менен жакшылап сүйлөшүп эне-бала болгула, менин эчкидей жашым калды, мен өтүп кетсем таянаар бирөө керек, кекти каапыр берген, баланын энеге кек кылганы болбойт, силерге эмчек сүтүн берген, омурткасы сыздап төрөгөн, ини-карындашың менен мындан ары катташып тургула! - деди олуттуу сүйлөп.

- Кагылайындарым, мени кечиргиле, - Арууке сүйлөй албай ыйлап ийди эле Акмат:

- Ал эмнең Арууке, балдарга ыйлабай эле айтып түшүндүр да, булар жаш болду, тентек болду дегендей, эми чоңойду, таразалап чечээр кезге келди…

- Эмне дейт элек, ырас бизди төрөп баккан экенсиз, бирок бир гана нерсеге түшүнбөйм, атамды эмнеге сиз… - Керимбек жашка мууна түштү мукактана.

- Уулум, менин колумдан келчү беле, мени атайын өлтүрөбүз деп камап уруп-согуп андан кийин Кумарбекти алып барды, экөөбүздү эки жакка камап үч күн сабады, үчүнчү күнү мени коё берди, бирөөгө айтсаң бала-чакаң менен кырып салам деди, анан айла жок жүрө бердим.

- А алтындар сизден чыкты го?

- Аны мен бул жерде жүргөндө баягы Күрүчбек алып келгенде эле бир топ бекитип, атамдарга да көрсөтпөй катып койгом, ошону кийин-кийин коңшунун баласы көрүп коюп уурдап алышыптыр…

- Эй апакеси, кантип ишенем ушу сөзүңө, милицияга башкача көрсөтмө берген элеңиз го?

- Баары бир мени күнөөлөйт деп ойлодум да, эгер айтсам баарыбызды өлтүрмөк!

- Мм де, - Керимбек унчукпай отуруп калганда Эмирлан:

- Керимбек аке, өткөндөгү окуя үчүн кечирип коюңуз? - деди башын жерге салып.

- Билбеген киши уу ичет иним, биздин тагдырыбыз ушундай болсо арга канча?! - Керимбек улутунуп алды.

- Каралдым, эси жок энеңди кечирчи, келчи жаныма: канча жыл экөөңөр үчүн ойлонуп азабымды жедим, бүгүн бир көкүрөгүмө кысып, көкүлүңөрдөн жыттап эс алайынчы?! - Арууке кулачын жая колун созду эле Керимбек да жетип барып кучактап калды, эне-бала ичтеги бугу чыкканча кучакташып турду, Кундуз дагы барып кучактап алып ыйлап жатты. Аларды алмак-салмак өөп, жыттаган Арууке бир кезде шалак эте өзүн таштап жиберди. Баары аны чуркурай басып калышты. Керимбек тез жардам чакырып, тигилер болсо бетине суу сээп атып эс алдырышты. Тез жардам келгенде Арууке көзүн ачып отуруп калган эле…

Ошентип Аруукенин эңсеген тилеги орундалып уул-кызы менен таанышып көңүлү тынды. Бир туугандардан, эне-баланын табышканына Барчынай абдан кубанды: "Кайненем жакшы адам эле, мен дагы буларды табыштырдым, кудай алдында парзымдан кутулдум" деп анын да санаасы тына түштү. Керимбек болсо: "чын эле атама ушул апамдын кантип алы жетмек эле, кантип балдарынын тагдырын талкалап, атасын өлтүрмөк, туура эмес түшүнүп балалык кылып жүргөн экенмин" деп уялып калды. Эмирлан экөө бир ата, бир энеден төрөлгөндөй мамыры-жумуру болуп, Элдос менен Зарина дагы аке деп сыйлап жакшы көрүп калышты. Бул үй бүлөнүн бактылуу мүнөттөрүн кагазга түшүрүүгө кандай сөз, кандай кеп жетмек. Акмат Аруукенин көңүлү тынып калганын көрүп ичинен кудайга ыраазы.

Бирок бул бактылуу мүнөттөрдүн аягы тез эле бүтөөрү менен иши жок адам баласы эмеспизби, Барчынай Акмат менен Аруукеге дагы бир үй бүлөдөй эле Керимбекти үйлөнтүп коюну туура көрүп Аселди күйөөсү экөөнү алдырып кеңешип калышты. Керимбек өзү сүйгөн кызын алаарын билип эч нерсе дебеди. Келин да келди, той да, болду. Арууке менен Барчынай келинге жоолук салууга келгенде Арууке:

- Апа, сиздин жолуңузду жолдогон жакшы келиндерден болсун, анын үстүнө келин сиздики, өзүңүз эле салыңыз?! - деди кубанычтуу күлүмсүрөп.

- Макул, садага, - Барчынай Аруукеге ыраазы болуп аппак чачыктуу жоолукту алып, чачыланы Арууке чачып экөө келинге жоолук салып көшөгөгө киргизишти. Коңшу-колоң кирип чыгып көйнөк-жоолугун салып келин көрүп келип атышты. Ошентип Керимбек үйлөндү. Эмки кезек Эмирланда эле. Ал азыр үйлөнүүгө эрте. Аңгыча Кундуз турмушка чыкты. Эки үй бүлө бир үй бүлөдөй эле киришип чыгышып, ортолору бир топ узак болсо да бир күнү анда, бир күнү мында топурашып жүрүшөт. Кундуздун барган жери абдан жакшы экен, Арууке менен Барчынайдын сүйүнгөнүн айтпа. Тойлорго Акматтын эжеси, карындаштары, инилери кошо чакырылат. Алар дагы көтөрүнчөктөрүн, белектерин көтөрүп келип сый көрүп кетишет.

Канткен менен тирүүлүктүн өзүнүн чеги бар эмеспи, келмеги бар дүйнөнүн кетмеги да бар, Барчынай оорубай туруп эле эки күн төшөктө жатып жетимиш эки жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Кундуздун жанында Зарина, Керимбектин жанында Эмирлан менен Элдос жүрөт өкүрүп. Акмат мал сойдуруп ызаат-сыйын кылганга камынып жүрөт. Өлгөндү жерге берүү парз эмеспи, акыркы жайына коёрдо Алымбекти күтүп калышты. Асел, анын жанында Кундуз, экөөнүн жанында Зарина ыйлап отурду. Алымбекти күтүп сөөктү бир күн кармашты. Эртеси молдолор шаштырып калганда гана коюуга жөнөмөй болушту. Дал ошол учурда капкара айнектүү үч машина келип токтоп андан Алымбек, дагы беш-алты адам түшүп өкүрүп келишти. Алымбек апасынын тажиясына бүт өзү ала келгендерин бердирди. Жыртыш жырттырды. Эми жайына алып жөнөөрдө жаназасын окуй электе элди карап:

- Апам кандай киши эле? - деп Алымбек үч жолу үнүн бийик көтөрүп сурады эле:

- Жакшы киши болчу, бейиши болгур, абдан мыкты аял эле; - дешип атты.

- Апамдын кимде бересеси бар, мен төлөйүн! - деди эле анда дагы:

- Жок! - дешти бир ооздон. Ошондон кийим гана молдолор жаназасын окуп болуп:

- Оомийин! - деп бата кылып алып жөнөштү. Ызылдаган кыздар, өкүргөн балдар, энени акыркы жайына ошентип узатышты. Элге эт тартылып чачыла берилип жатканда бекер ооз аялдар жөн отурбай:

- Байкуштун жайы жөн эле сонун чыкты дейт, пейили ошондой эмес беле? - деп бири шыпшынса:

- Ооба десең, ооруп-сыркабай, бактырбай, жылуучулукта жакшына болуп кете бергенин.

- Ой, баласы Россияда окубай эле жанагы бандиттердин башы имиш, карачы минген машийнесин.

- Акырын, бирөө жарым угуп калбасын, эмне болсо ошол болсун, бизге анын ысык суугу кайсы? - деди бири аны жактырбай, - Атасы жакшы адам эле, тээ жаш кезибизден бери коңшубуз, бул кайнисинин аялы болчу, анан аларды… - деп келатканда өкүрүп сөөк коюп келгендер келип баары тура калышты. Ошентип куран окулуп эл тарады. Алымбек Арууке менен баш ийкешип эле койду. Алымбек эки күн турду да кайра кетти, анын жанындагылар кайда басса кошо басып кайтарып, машинанын эшигин ачып ал отургандан кийин анан тигилер отурат. Байкагандар: "бул соо эмес, крим дүйнөнүн кишиси болуп калган экен" дешип ичтеринен тим болушту. Аны кетээринде Асел көпкө кучактап алып:

- Атам да, апам да жок, эми сизди гана кудайдан тилейин, бул жакка келип үйлөнүп, атамдардын ордун жоктотпой жашабайсызбы? - деди эле:

- Керимбек турбайбы, ошол карайт, жашайт, мен эми бул жакка силер чакырсаңар, өзүм сагынганда эле келбесем, ишим ошол жакта да, - деди да карындашына бир таңгак, Керимбекке бир таңгак акчаны акырын карматып: - Көрүшкөнчө, белгисин өзүм коём, мени күткүлө! - деп машинага түшүп кете берди.

Ошентип аларды бириктирген, данакер болууга далалат кылып эне-баланы табыштырган Барчынай да келбес жайга узады. Арууке кыйын эңшерилди: "бет-кат болуп жүрүп жаңы эле табышканда жаман болду, чынында өз энемдей эле…" деп үшкүрүп алды. Өзүнүн бир туугандары же ооруп жатканда же кубанычында келбеди, каттабады. Кээде ойлоп: "тобо-оо ушундай таш боор бир тууганың болсо дүйнө түптүз болуп жашоо токтоп калмактыр, мени эмнеге мынча жектешет?" деп ичинен сызып алганы менен: "балдарымдан айтсын, айла канча" деп коюп өз тирчилиги менен алек. Кыйла эле оңолуп калды, бирок өңүнө чыга албай керсары болуп жүзү оорукчан адамдай сезилет. Керимбек үйрүлүп түшкөн энесине ичи жылып баягы бир таңгак акчадан ага берип:

- Муну Алымбек акем берген, кыйналбай урунуп тургула, өзүңүз да врачка көрүнсөңүз, ден-соолугуңузга карап, - деп бир топ жалаң доллар берди.

- Ия кагылайын, муну өзүңөр эле урунсаңар боло, биз эми уланып калганбыз, силер жаңы тирлик болуп, жаңы үйлөндүңөр, Жайдаркан дагы жакшы кийип жакшы жүргүсү келет, - деди эле ага болбой койду.

- Ой апа, бизде да бар, акем миллион берип кеткен, ошондон сизге беш миң долларын эле берип атам, - деп күлүп калды.

Эне-бала мамыр-жумур болуп бул өмүрдө өткөнчө сыйлашып өтөт беле, дагы бир сырдын бети ачылбаганда.

Ошол күнү Арууке менен Акматтар бала-чакасы менен Керимбектин үйүндө болчу. Анткени Жайдаркандын төркүндөрү себин алып келишкен. Машинанын үнү короонун ичине кирип токтогонун уккан Керимбек сыртка чыкса агасы Алымбек келиптир, бирок машинадан түшпөй инисин салып алып ээн талаага алып барды.

- Керимбек, беймаал келип тынчыңды алганым үчүн кечирип кой, менин сага таарынчым бар, айтып алайын, - деди ал капкара чылымдын түтүнүн асмандата үйлөп.

- Эмнеге аке, таарынычыңызды билип турам, - Керимбек агасын жылмая карап, - үйлөнгөндө сизди чакырдым, бирок келбедиңиз, күтпөдүм, - деп дагы ойлоно түшкөндө:

- Мен сени эркек деп жүрсө, катындай болуп башканы сүйлөйсүң да?!

- Аке!

- Унчукпай мен айтканды ук! - ал дагы чылымды үйлөп ары-бери басты, - Билесиңби, атаңдын өлүмүн, өлүктөй коюлбай шагыраган сөөктү жерге бердик, эми сен атаңды өлүмгө кириптер кылган эне сөрөйдү кечирип төрүңө чакырдыңбы?

- Аке, ал күнөөлүү эмес экен…

- Жанын жейт, атамды алдап алтындарды алдырып алып, коё бербей өлтүрткөн дал ошол!

- Кантип?

- Ошентип, - анан ары басып барып колун шилтеп койду эле машинадан бир кишини жетелеп келишти, - Кана, чындыкты айт мынабу мадыра башка, өткөндө айтып таштайын дедим, бирок сага түшүндүрөйүн дедим.

- Мен эчтеке билбейм, Арууке менин аялым экөө теңтуш курбу болчу… - деп Турганбек баарын төкпөй чачпай айтканда Керимбек көздөрүн жумуп, жерге чөгөөлөп алып жер чапчый ыйлап атты.

- Тур өйдө, ал сенин энең, атаңды, менин бир тууганымды өлтүргөнү үчүн канын ичмекмин, калганын өзүң чеч! - деди да үйүнө алып келип короонун эшигине түшүрүп коюп жүрүп кетти. Дендароо болгон Керимбек үйгө кирсе баары үрпөйүп отурушкан экен. Аны көрүп сүйүнүп кетти.

- Ээ айланайын, кайда барып келдиң? - деген Аруукени көзү менен жек көрө карап алганда анын жүрөгү "болк" этти. Эл эч нерсени сезбеди. "Эми билинбей деги калды, эптеп калп айтып, балдарга чындыгын айтпай жакындоонун аракетин кылайын, ал мага ишенет", деп ойлогон Арууке ушул көз-караштан тирүүдө жок заарды көрдү, көзүн ала качты… Аттиң, чындык деген кандай, кара кылды как жарган чындык! Эгер Арууке күйөөсүнө өчөшкөнүн, ал аны карабай, теңсинбей жүргөнүн айтса бала түшүнмөк да. Бирок баары кеч болуп калган эле…

***

Кундуз менен Нуржигит үйлөндү. Камбар менен Зымырат ойдогудай келинге туш келгенине ыраазы болуп анын колунан чай ичип балпая отуруп калышкан. Анын үстүнө Тобокелди алар таанычу, сыйлачу, андан сабак алышкан убагында. Нуржигит дагы ата-энесине колуктусу жагып калганына сүйүнүп экөө эгиз козудай ээрчишип жаштыктын доорунда бактылуу болуп жүрүштү. Кундуз чоң энеси өлгөндө аябай жаман болуп жүрдү, бара-бара унутулуп, эстегенде кээде ыйлап алат. Ошол күнү алар да Керимбектикинде болчу. Агасынын апасына караган көз-карашын жаздым кетирбеди: "Соо эмес, бир сыр бар мында" деп ойлуу коноктор менен бабырашып отурган менен жүрөгү түпөйүл болуп атты. Эзилип, жан дүйнөсү сыздап ооруп атса да Керимбек кайын журтун жакшылап узатты. Алар кетти. Аруукелер ал күнү калды. Кетүүгө камынган апасын Керимбек:

- Сиз калыңыз, сүйлөшө турган иш бар! - деди эле унчукпай калып калды. Үч баласы менен Акмат түпөйүлдөнө жолго чыкты. Алар кетээри менен Аруукени заар толгон көздөрү менен карап:

- Сиз эмнеге калп айттыңыз?! - деди үнүн бийик чыгарып.

- Эмнени, уулум? - Арууке сезип турса да билмексен боло бүжүрөй сурады.

- Силер отуруп тургула, мен муну жеткирип келейин, - деди да жаңы алган машинасына отургузуп алып жолго чыгып буруу жерге токтоп, - Сен энесиңби ыя?! - деди бакыра.

- Айланайын уулум, неден жаздым деги, өлтүрсөң дагы ачык айтып өлтүрсөң боло?

- Сен да өлөсүң, мен да өлөм, сендей энени өмүр бою жүзүн карап жүрө албайм! - Керимбек бакырып сүйлөп да, ыйлап да, рулга башын ургулап да жатты…

Арууке ошол мүнөттөрдө бир өлүп тирилди, аны Керимбек карап да койбоду. Түнү бою жаны кейип дүйнө астын-үстүн болгондой чамынган Керимбек таңга маал аны жеткирди: "Колум барбады го, мен аны өлтүрө албайм, кантсе да мага өмүр берип, жарыкчылык таруулаган энем экен, аттиң!" деп ойлогон Керимбек үч-төрт күн ичип жүрдү, эч кимге сырын айтпады. Аялы астын-үстүнө түшүп сураса да эч сөз чыгарбады. Кундуз жалдырап сурайт, ага да сырын ачпады. Акыры бир чечимге келди: "экөөбүз тең өлүшүбүз керек, мен аны колум менен өлтүрө албайм" деп ойлоно берип бир жуманын ичинде чачы агаргандай болду.

Арууке үйүнө келип эле бүк түшүп жатып калды, Акмат менен балдары сураса эч нерсе айтпады: "Оо кудайым, мени дүйнөгө түркүк кылмаксыңбы, тирүү арбак болуп жатканымда неге албадың, өзүм эле өлсөм болбойт беле, бала неме өзүн-өзү өлтүрүп албагандай эле" деп санааркап жатып: "кой мен анын көзүнө көрүнбөйүн, эптеп болсо да өзүмдү өзүм өлтүрөйүн, аттиң, жан таттуу ээ", деп ойлонуп түнкү саат эки-үчтөрдө шырп алдырбай сыртка чыкты. Чыгып алып асынаар жип таппай убара болуп жатып кир жайган жипти үзүп келип эми илмек кылып байлап атканда Акмат үйдөн чыгып колунан жипти сууруп алды:

- Эмне мынча жаныңдан тойдуң, өз ажалыңдан өл, муунуп өлбөй, күнөөң болсо милицияга бар, эмне эле балдарды да, мени да кыйнайсың, ушул балаңдыкы өтүп кетти! Болду каттаба да барба! - деп ачуусу менен кыйкырып алды.

- Акма-ат! - Арууке күйөөсүн кучактап алып буркурап ийди. - Анда күнөө жок, мен… мен күнөөлүүмүн, өлүп эле тынбасам тынч ала албайм го?!

- Күнөөң болсо болгон, аны кайнатаң кечпеди беле, эмнеге эле балаң телтеңдейт, ал атасы болсо сен энесисиң, сени эле жектейт…

- Кантейин, ошондой болуп атпайбы, баары бир тынчый албайм го мен…

- Болду, бас үйгө кир, канча кишини былчылдатып өлтүргөндөр деле жүрөт, өз колуң менен өлтүрбөгөндөн кийин эмне? - Акмат аны үйгө алып кирди. Балдары эч нерседен капарсыз уктап жатышат. Экөө аларды ойготуп албаш үчүн аста басып ордуларына жатып калышты. Арууке түнү бою кирпик какпады, улам жүрөгү бир нерсени сезгендей "болк" этип алат. Ан сайын сарсанаага батып дагы да болсо Керимбекти ойлоп: "капырай, кайдан угуп келди экен, тиги шүмшүк Алымбек аны көкүткөн го, болбосо жакшынакай болуп эле апалап калбады беле?" деп темирейип жата берди...

Ошол түнү Керимбек муунуп алды, болоор-болбос нерсеге туруштук бере албай, жаш жанын кыйып койду. Түндөсү чыгып кеткен күйөөсүн ана келет, мына келет деп жатып Жайдаркан уктап кетти. Экөө эле калган. Кундуздар үч күн мурун кетишкен болчу. Эртеси эч нерседен капары жок келин ордунан туруп, бети-колун жууп үйгө кирип күзгүгө каранды да чай койду. Анан отуруп телевизор көрүп жатып: "кайда кетип калды, кийинген деле жок эле, майкачан бойдон кайда кетти?" деп ага жини келип да алды: "тобо-оо, күйөө деген ушундай болобу, алгыча жаныңдан чыкпай, 'сенсиз жашай албайм!' деп жалынып жалбарып, алгандан кийин эле жалгыз таштап кетип калса... Келээрсиң, шашпа!" деп кабагын бүркөй жини келип алат. Ошентип жинденип отурганда Кундуз өзү келип калды. Ал жеңеси менен өбүшүп, учурашты да Керимбекти сурады.

- Ал түндө эшикке чыккан, ошол бойдон кайда кеткенин билбейм, же айтып кетпейт, чоң тамда жалгыз жаткан жаман экен, - деп айтып бүткүчө эле Кундуз:

- Кийимчен беле? - деди чоочуй.

- Жо-ок, майкачан болчу, мына, келет… - деп жатканда Кундуз жүгүрүп жетип эле чаркарларын карап атып бакырып калды. Келин жетип барганда Кундуз асылып турган Керимбектин бутунан кучактап ыйлап жаткан эле… Ал денеси эбак муздап дүйнө капар гана эки колун шалдайта башы ылдый салаңдап турган. Экөө бакырып, чыңырып, биринен бири өтүп ызуу-чуу түшүп калганда коңшулары келип калды. Ошентип энесинин жүзүн көргүсү келбей, же аны кектеп өлтүрө албай акыры өзүн асып алган экен. Бул кабар Аруукеге жете электе эле Акмат укту да аны эрчитип жетип барды. Арууке ботодой боздоп уулунун үстүндө жата калып эсин жоготуп, кайра эсине келип жаман абалда болду. Өлгөндүн жазасы көмгөн болуп аны да кара жер койнуна катты. Кундуз менен жесири Жайдаркан андан бетер эс-учун жоготуп кайра эсине келип боздоп жатышты.

Ошол күнү Алымбек баягыдай эле кара машина менен жетип келип өкүрүп-өксөп "бир боорум!" деп ыйлап атты. Ал Керимбекти койгондон кийин кетпей үйдүн боорунда улам келгендерге өкүрүп атты. Кеч кирип күүгүм каптаганда Аруукенин сыртка чыгып баратканын көрүп жанындагысына ымдап койду эле ал анын артынан барып үлгүртпөй оозун басып мүшөккө салды да машинанын багажына тыгып койду. Ошол бойдон эч ким көрүнбөдү, Акмат менен балдары издеп жүрөт, бирок жер жутуп кеткендей табылбады. Алымбек ал күнү сыр бербей калып калды. Акмат Аруукени издеп чарчады, короонун ичин бүт издешти, дайыны жок. Алымбектин жигити бир аздан кийин келип калды, эч ким алардан шекшиген да жок. Эртеси таңга маал мүрзөгө барып келип анан жөнөдү Алымбек, бул убакта Акмат үч баласы менен өз үйүнө келип ал жерден таппады. Айласы куруган Акмат аны Алымбектен көрүп калды, бирок айта албады.

Аруукени Алымбек Россияга алып кетип, аерден аябай кыйнап жатты. Жети күн бою суу бербей койду.

- Мынчалык эле таш болсоң да суу берип койсоң боло, ырас менин эми өлбөгөндө эмнем калды? - Арууке ага тикирээ карады, - Жакшы эле бала деп жакшы көрчү элем…

- Сенин жакшы көргөнүңө муктаж эмесмин.

- Анда тез өлтүр!

- Сени мен өлтүрбөйм, ачкадан жатып өлбөйсүң, сени мен келемишке жем кылам!

- Эмне?! - Арууке жүрөгү шуу этип алды; "бу каапыр аны кылат, эмнеси болсо да тез бүтүрсүнчү" деген ойдо үндөбөй калды. Ошентип аны Алымбек алып барып эч ким жок бир бөлмөгө камап койду да кетип калды. Буту-колу буулуу: "бул эмне мени коё бербейт, демек ушуну көрмөк экенмин го, тынч эле муунуп өлүп алайын десем, ай ушу Акмат, мага аралжы болуп туруп алды" деп аларды, балдарын эстегенде көзүнөн жашы ыргып кетти. Каны катып суусап чыкты, үч күндөн бери жок дегенде суу бербейт. Төртүнчү күн дегенде келген Алымбек:

- Ийи, жан таттуу бекен? - деди оңурая.

- Менин ордумда болсоң сен да ушинтмексиң, капастагы куш менен, торго камалган жолборстун абалы бирдей эле…

- Мм, болуптур… - Алымбек сырттагыларга белги берди эле, Тургунбекти алып киришти.

- Муну тааныйсыңбы? - деди ал тигил сакал-муруту өсүп, бет сөөгү оркойгон адамды карай.

- Ой, тааныбай анан, жанагы алтын деген балекетти айтып мени азгырган ушул Арууке да!

- Сен тааныйсыңбы муну?

- Мен эч кимди тааныбайм, өлтүрчү болсоң тез эле өлтүрө бер! - Арууке тайманбай айтты.

- Эмне, оңой эле өлүп калайын деп турасыңбы?

- Кыйнасаң кыйна, ансыз да тукум курут болуп бүттүңөр, эми мени өлтүргөндөн ырахат алсаң каалагандай өлтүр! - Арууке жан айаар түрү жок, бир кездеги "жеңелеген" кайниси мыкаачы канкор болуп калганын сезе тилин тартпады.

- Сени гана өлтүргөндөн алам ырахатты, уктуңбу?

- Билгениңди кыл!

- Кумарбектин шыгыраган сөөгүн бизге сен таап бергенсиң, эми сенин сөөгүңдү табылбайт!

- Өлүү жанга көмүлөбү, көмүлбөйбү баары бир эмеспи, мен ага кайгырбайм дагы!

- Аялдан чыккан эр жүрөк экенсиң? - Алымбек кытмыр жылмайып алды, - суу жуткуруп койгула, бир ай суу менен багалы жеңемди, - деп чыгып баратып, - бир чыныдан ашпасын! - деп чыгып кетти. Ошондон кийин Алымбек анын жанына кирбеди, үч күндө бир чыны суу берип коёт. Ошентип аны бир күнү көзүн таңып машинага салды да ээн токойго буту-колун бууп, көзү таңылган бойдон алып барып ташташты. Алымбек аны атып эле таштайын деди, агасынын өлүп жаткандагысын эстеп алып: "өлүп кетпейби, буга ушундай жаза керек" деп ойлонуп өз кылганына маашырлана жылмайып алды: "Керимбек иним, энеңе кол көтөрө албай өзүңдүн жаныңды өзүң кыйыпсың, эми атаңды да таап алып Аруукени ошол жактан жазалагыла" деп көпкө ойлуу отура берди. Арууке көзү таңылуу, буту чымырата байлануу болгондуктан кыймылга келе албай жатып өзүн өзү жоготуп ачка да болуп, буту-колу сыздап ооруп ээн талаада үч-төрт күн жатты. Күндүзү мээ кайнаткан ысык, түнкүсүн мээлүүн муздак аба аны кыйнап акыры бут серппей калды. Ошентип дагы бир шам өчүп, асманда жылдыз учту…

Акмат Аруукени издегенден тажады, иги-жиги жок жоголгонуна таң калып: "Муну Алымбек эле алып кетти" деп ойлоп кантип табаарын билбей башы катты. Балдары, айрыкча кызы ыйлап бүтүп калды. "Ушундан көрө колумдан өлсөң эмне, эми кайдан табам?" деп зээни кейип отурганда Жазгүл келип калды. Ал бул окуяны угуп абдан кейиди, Керимбектин өлгөнүн угуп ыйлады, бир топко отуруп анан кетти. Адам баласы баарына көнүп, кудайдын башка салганын көтөрбөй коё албайт эмеспи, Аруукенин ээн талаада жатканын көргөн бир орус милицияга билдирди, Аруукени таануу кыйын эле, бирок аны ошол жактан телевизордон көргөн Акматтын досу таанып ага чалып сөөгүн алып келишти. Ызылдап ыйлап аны да жерге беришти, анын бир туугандарына жоголгонун айтканда да келишпей койду. Ошентип Акмат аны аруу жууп ак кепиндеп баласынын жанына койду. Кандай болгон күндө да тууган энеси эмеспи, Кундузга кыйын болду. Жазгүл да катышты аны койгонго.

Өлгөндүн артынан өлгөн жок, тирүүлөр өз күнүн көрө берет эмеспи, Жазгүл менен Акмат тез-тез жолугушуп жүрүп акыры бир жыл өтүп Аруукенин ашын бергенден кийин баш кошуп алышты. Эмирланга эми баары бир болуп калды. Атасына барса ал алиге катыны жок, жеңесинин үйүндө отурат экен. Жаңыбай өлгөндөн кийин ал жеңесинин мал-салына каралашып биротоло ошол жерде. Баягы Арууке экөө жашачу үйү ээн турган, анын ачкычын Эмирланга берди. Чоң энеси улуу баласы өлгөндөн кийин эле өлгөн. Төлөгөндү улуу эжеси боор ооруп үйлөн дебесе башкасынын иши деле жок. Арактан ичип коюп жалгыздыктын күнүн көрүп жүрө берди. Эмирлан көбүнчө Акматтын үйүнө көп барат, ал баягыдай эле тосуп алат. Ичинен ага ыраазы. Акыры ал да бир күнү атасына үйлөнөм деген оюн айтты эле Акмат каршы болбоду.

- Үйлөн уулум, бойдок жүрбөй үйлөнүп үй-жай күтүп жаша, - деди. Кубанычы койнуна батпай Эмирлан өз атасы Төлөгөнгө барды эле ал күңкүлдөй:

- Балам, бир аз коё тур, адегенде сени апалуу кылайын, анан сен үйлөнөсүң, антпесе келген кеткенди ким тосуп, ким узатат? - деди эле унчукпай кете берди. Ал ошондо гана түшүндү өз атасынын кандай адам экенин: "Көрсө өзүн гана ойлогон майда адам тура, ушундан туулганча Акмат атамын өз баласы болуп калсамчы" деп ыза болуп келатты. Токтолуп, акыл жыйнап калганча баягыдай пиво же арак ичкенин койгон. Жашоодо өксүк, кемчилик, арман өлүм адам баласы менен бирге аралашып жүрөөрүн да түшүндү. Эстегенде апасына айткан сөздөрүнө жини келип: "апаке, кечир мени, тирүүңдө сыйлай албадым, мындай эси жок балаңды кечир" деп ичинен сызып алат.

Акмат аны ойдогудай кылып үйлөнткөнгө даярданып атты, анан калса Жазгүл да балдарга боорукер, мээримдүү болду. Акматтын айтканынан чыкпайт, Эмирланды үйлөнтүүгө катуу камынышты. Бирок анын атайы сүйлөшкөн кызы болбогондуктан кыз издеп отурбай эле кээде сүйлөшүп калчу кызга бир жолу айтты да алып келди. Баарынан кызыгы, ал кыз Төлөгөндүн мындайыраак туугандарынын кызы болуп чыкты. Алар келгенде аны ээрчите келишти эле ал Акматтын үйүн көрүп чоочуп кетти. Ошентип кудалар келип, кызды кууп келген салты менен көшөгөсүн ала келип бапырап жатышты. Төлөгөн кирбей кетип калды. Аны бир паста таппай калышты: "ырысы жок, ушундай ызаат-сыйга кошкон ага жарашпайт тура, карасаң эми кетип калганын" дешип өздөрүнчө сүйлөшүп атышты. Акмат жан-алы калбай Жазгүл экөө кудаларын сыйлап кийитти кийгизип, алдына жыйырма миң сом коюп узатышты. Кыз жакшы кыз экен, эртеси эле жумуш жасап киргенде, Жазгүл:

- Кой айланайын, келиндин келген жылкысы эсте калат, эки-үч күн отуруп кайинсиңдиң менен таанышып ал, анан бул казан качпайт; - деп болбой койду.

- Айланайын, менин келиним эмес кызымдай болуп жүр, Эмирлан экөөң эле ынтымактуу болсоңор болду, - деп Акмат да келини менен уулуна чын пейилинен бата берип отурду. Эмирлан бул кишинин алдында өзүн чоң карыздар сезип ичинен ыраазы: "өз атам мени үйлөнтүүдөн качты, анан ошону кантип ата дегенге оозум барат" деп ичинен сызып ойлонот.

Айжаркын шапылдаган, ачык-айрым келин болду. Анын төркүндөрү үйүнө баргандан кийин Төлөгөнгө:

- Уш-шу сен куруп кал, сый көрөөр жерден качып кетесиң, аябай жакшы жер экен, күйөө бала жаш, жакшынакай бала экен, эмнеге кетип калдың?

- Ээ жеңе, мен кетпегенде кантем, өз балама куда болуп кууп барамбы, кызыңар менин уулум Эмирланга барыптыр… - деп башын кашыды Төлөгөн.

- Ыя кокуй, дагы эмне дейт, жанагы узун бойлуу татынакай жигит сенин балаңбы?

- Анан эмне, катташып келип тур деп чакырган күнү агам өлүп калып тосо албай калдым. Келдиби, келбедиби билбейм, анан үйлөнгөнү атам дегенинен коё тур дегенмин… Көрсө тигил атасы…

- Тапкан ата эмес, баккан ата деген ошол да: өзүңдөн өзүң баарынан куру калып, карачы талтөөндөй кылып тарбиялаптыр, энеси да жакшы аял экен, - деп анын кулагын чуулдатып жатып калышты. Төлөгөн абдан намыстанып: "дегеле ата болуп кеткенин, баламды мага каратпай ошентип азгырып жатат" деп ойлоп жини келген менен эч нерсе кыла албасын түшүндү да отуруп калды. Же аялдан, же баладан жок, Төлөгөн элүүдөн ашып баратканына зээни кейип: "кой, минтип жүрө бербей аял алып, адамча жашайын, элге да кеп болдум" деп атайын бойдок келин көңүлдөшү Көкүлгө барды. Аны менен бир аз сүйлөшүп отуруп калды, анан:

- Көкүл, экөөбүз бири-бирибизди билип эле калгандай болдук, үйлөнүп алалычы? - деди аны колдорунан кармап бетинен өбө.

- Ай койсоңчу, эми карыганда мага күйөөнү ким коюптур? - Көкүлдүн аты Айкөкүл болчу, кыскартып аны Көкүл деп коюшчу, ал Төлөгөндү тамашалай шаңкылдап күлдү. - Эмне, мындай ойноп жүрүп тажадыңбы?

- Чындап эле тажадым Көкүл, анын үстүнө сен мага башынан жагасың, экөөбүз бирге түтүн булаталы эми.

- Ойлонуп көрөйүн, жалгыз балам эмне дейт, ал дагы анча-мынчаны жактырбайт, баланын көңүлүнө карап жүрүп өмүрүмдүн өткөнүн да сезбей калыптырмын.

- Кой Көкүлжан, балаңа шылтабай кийинки жумада үйүмө алып кетем, даяр бол! - Төлөгөн чын ниетинен айтканга Көкүл да муюп калгансыды…

Камбар менен Зымырат күндө эрте туруп Рамисти жетелеп алып паркка келишет: "балам таза аба жутсун, дени таза болот" дешип көзүнүн карегиндей карап багып атышты. Камбар баланы өзгөчө түшө калып жакшы көрөт. Гүлжигит үч балалуу болуп калды. Кундуз болсо Арууке өлгөндөн кийин Акматтыкына барбай деле калды. Зарина келип кетип турат. Кундуз аны апасына окшотуп жакшы көрөт. Экөө абдан ынак. Элдос анда-мында келип эжеси менен жездесине жолугуп кетип турат. Гүлжигит ата-энесине каралашып турат. Жакында эле ал Айдананы жумушка орноштуруп койду. Балдары чоң атасыныкында ойноп жүрө беришет, кечинде үйүнө алып кетет. Айдана тынып-тынчып, удаа-удаа төрөп үйдө отурганда эч бир үндөбөдү. Зыңкыйып Гүлжигиттин оюндагыдай болуп жүрдү. Ага ишенип, анан жумушка орноштуруп койду. Эрте келип, кеч кетип жакшы эле ойдогудай иштеп жаткан Айдананы бирге иштеген жигит күндө анын столуна гүл коюп айланчыктачу болду. Бир күнү чогуу иштешкендери чогулуп туулган күнгө бармай болушту. Үчтү төрөсө да койкоюп сулуу көрүнгөн Айдана алар менен бара албасын түшүндүрүп үйүнө кетип калды. Гүлжигит ага ыраазы болду. Ошентип жашоо өз нугу менен өтө бермек беле, адам баласын кырсык бир тооруп алса жаман экен. Зымырат жүрөгүм деп бир күнү ооруканага жатып эртеси эле көз жумуп кете берди. Анын кыркын бере электе кан басымы көтөрүлүп кетип Камбар капысынан дүйнө салды, Нуржигит менен Кундуз Рамисти карап калды. Бирок баягы Камбар менен Зымырат карагандай болмок беле, Кундуздун боюнда бар, аны алса кыйналып калат деп Рамисти көтөрбө деп урушат. Ошентип үч жаштан жаңы гана өтүп чулдурап сүйлөгөн баланы карабай, бозала чаң болуп, ачка-ток жүрө берип ооруп калды. Ошондо Султандар келип баланы алып кетишти. Аларга көнбөй чырылдап ыйлап бир күнү катуу ооруп калды. Эти от менен жалын. Султан анын куса болгонун билип чоң ата, чоң энесинин мүрзөсүнө алып барып өзү чөк түшүп куран окуду да:

- Рамис, - деди баланы карап, - мына көрдүңбү таэнең менен таятаң бул жерде жатат, алар эми келбейт, мен сенин атаң болом, сен жакшы баласың да, ыйлабай жүр ээ? - деди.

- Атов, - деди Рамис, - таятам каякка кетти эле?

- Тээ алыс жакка, алар эми келишпейт.

- Ыкы, келет, мен аларды жакшы көрөм, алар мени жакшы көрөт да, келип алып кетишет.

- Кой антип айтпа, алар деген мына бул жерде, - деген Султан зээни кейий экөөнүн мүрзөсүн бир чымчымдан алып кетип сууга эзип ичирди. Ошондон кийин ал ыйлабай алаксып Султандын неберелери менен ойноп калды.

Гүлжигиттер да абдан кыйнала баштады, балдары менен иштей албай, биринин иштегени жетпей. Ал эми Кундуз менен Нуржигит алардын балдарын карай албайт эле же карагысы келбедиби, ким билет. Эки бир туугандын арасы бара-бара алыстай берди. Бири-бириникине баруу мындай турсун жолугушпай да көр тирчиликтери менен алек. Айдана кайра үйдө болуп калды. Анан бир күнү ал Гүлжигитке кеңешип отурду:

- Минтип отурсак балдар чоңойгондо такыр жардыланып кетебиз го, атамдар бир берет, эки берет.. Алардан алгандан да уялып калдым, апам балдарды караса мен базарга деле чыгайын.

- Өзүң бил, апам кыйналбайбы анан, - Гүлжигит күңкүлдөп тим болду. Анын макул болгону эле бул.

Эртеси эле ата-энесинекине балдарын алып барып таштап, ишке киришти. Ал аргасыз базарга чыкмай болду. Гүлжигит тааныштары аркылуу ага контейнер алып берди. Ага күндө товарды подреал таштап кетип кечинде чогултуп кетет, соодасы жакшы жүрүп ирдене баштады. Айдана Гүлжигитти дагы соодага чык деп туруп алды. Экөө тең контейнер алып чыгып соодага катуу киришти. Иниси экөө көрүшпөй да калды. Бир күнү Нуржигит соода кылып жаткан агасы менен жеңесине келди, кубанып алган.

- Кандайсыңар жеңе, ишиңер жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, келипсиң? - Айдана аны жактырбагандай сурамыш этти, ооз учунан.

- Жакшы эле, Кундуз төрөдү, сүйүнчү, аке?

- Болсун-болсун кызбы, уулбу? - Гүлжигит инисинин кубанычын кубаттай кошо кубанды, - Уулдуу болушуң менен куттуктайм, аман болсун!

- Рахмат аке, жеңем экөөңүздөр эртең үй жакка өткүлө. Кундузду бүгүн чыгарам, көптөн бери катташпай кеттик, бир тууганча отуралы. Аке, жеңе, сөзсүз баргыла! - Нуржигит кайра-кайра айтып эми кетейин дегенде Айдана:

- Төрөөрү менен айтсаң болмок, биз ошол төрөтканадан көрүп келмек экенбиз, сүйүңчүңө муну алып кой эми таарынбай, - деп эки жүз сом сунду эле Гүлжигит кубана:

- Ошону айтсаң, мейли эми, эртең барып баламды көрүп келебиз, - деп бакылдай кетти.

- Сөзсүз баргыла, күтөбүз! - деп жөнөп кетти.

- Иниң эми киши болуп калган го, тим эле катыны айда жүргөнсүп каалгыйт, түбү экөөңөрдү Кундуз каттатпай коёор бекен?

- Айдана, ал айда калкыса, сен жерде, менин жанымда эле калкып жүрө бер, аны эмне кыласың, жаралгандан мүнөзү ошолдур, кайдан билесиң?

- Келиниңди айтып койсо эле сиркең суу көтөрбөй калат, койдум эми, үч баланын, сенин кадырың үчүн барса барып келели.

- Ошентсең, Кундуз деле жаш да, агасы, эки апасы бирдей өлүп, байкуш эми кичине баласына алаксып калбаса жаман эле болду да, ал ичтен сызып ойлонуп жүрсө сага айда калкыгандай көрүнсө керек. Ушул аялдар жаман калксыңар, болгону эки бир тууган болсок, катташтырбай койсоңор… - Гүлжигит аялына таарынгандай болду.

- Койчу эми, мен сени кантип эле "бир тууганыңа каттаба, барба" демек элем, атам менен апам жакшы кишилер эле, алардын арбагын нааразы кылбай калайын, андан көрө сүйүнчүсүнө аз берип койгон жокмунбу ыя?

- Ал ага деле таарынбайт, биз барып каттап турсак эле ошого ыраазы болот ал, Кундузга Россиядан акеси ай сайын доллар жөнөтүп турат, чоң атасынын дүйнөсү бүт калды, алар мындай акчага кызыктар деле эмес, - Айдана менен Гүлжигит сүйлөшүп да, кеңешип да, соода кылып да жатты.

Эртеси контейнерин эрте жаап коюп Нуржигиттикине жөнөштү. Алар келгенде Зарина жардам берип жүргөн болчу. Кундуз оронуп жатып алган. Кайнагасын көрүп ордунан тура калып:

- Келиңиздер, - деп тосуп алды жаркылдай.

- Оо, бешик бооңор бек болсун, кана менин уулум кимге окшош экен? - Гүлжигит көзүн ача элек наристени колуна алып мурдунан өөп, - оо, өзүбүзгө эле окшош экен, атасынын эле өзү! - деп койду барпалаңдай.

- Кана-кана, ой-иий жаман десе, тим эле керилип уктап жатканын, - Айдана дагы эзиле өөп коюп, алып келгендерин баланын жанына коюп Кундузга жоолук салды, - Аман-эсен көз жарып алганың үчүн, бу жигиттин атасы көрүнбөйт да?

- Ал эшикте жүрөт окшойт, Заринанын атасы менен апасы келебиз дешиптир, ошого союш союп атам, коноктор көп, ошон үчүн өзү бир жолдош баласы менен сыртта.

- Ой кой анда мен жардамдашып ийейин, - Гүлжигит ордунан тура жөнөгөндө Айдана:

- Тим эле жеңилсиң ээ, эми сен булардын атасынан кийинки баш көз болчу кишисиң, андан көрө конокту тосууну, кандай кылып коноктоону акылдашып баш көз боло бер, - Айдана күйөөсүн карап аста кытмыр жылмайып койду.

- Ооба, мага эле жумуш жасата коймок беле, ошентсе да жанында туруп конокторун тосуп үйгө киргизейин.

- Ошентсең, кичине улуулук аброюңду сактап.

- Ийи, кылган кишинин кадыр-баркы кетип калса анда бир жөн, - Гүлжигит аялын укпай чыгып кетти. Айдана абысын менен отуруп, анан:

- Ээ Кундуз, дасторкон даярдайынбы, чын эле жөн отура албаган киши курусун, кой мен дагы отура бербей бирдеке кылайын.

- Жеңе тим эле коюңуз, отура бериңиз, баары эле даяр, Зарина деле салат, - Кундуз аны сыпайылык менен отура бер дегенине болбой казан аякка аралашты.

Аңгыча Акмат Жазгүл экөө келип калышты. Бул Акматтын адамгерчилигинин айтып бүткүс мактоого татырлык да, адам баласындагы чанда жаралчу тегиздиктиги эле. Ал Кундуздун уулдуу болгонун угуп Заринаны жөнөтүп анан өздөрү келээрин айтып жиберген. Аруукенин арбагын сыйлап: "апасы жок томсоруп калбасын" деп ойлогон эле… Ооба, ар бир аял же өгөй эне, өгөй атанын баары мындай боло берсе дүйнөдө жашаган адам пендеси өксүбөй жашап өтмөк. Кээде өзүнүн баласына катаалдык кылган көрүнүштөр бар эмеспи. Кундуз да Акматтын өз атасындай үйрүлө мамиле кылганына ичтен ыраазы болуп атты. Коноктор кичинекей наристеге узун өмүр, бакыт каалап ылайым боосу бекем болуп ата-энеси менен жүрүшүн тилеп, калоо, тилектерин айтып отурушту. Ара-чолодо Жазгүл Кундуздун кичинекей кезиндеги кыял жоругун айтып күлүп калышты. Ошондо гана Кундуз Жазгүлдү элестетип:

- Ай-ий, сизди мен тааныбай калыптырмын, билесизби сизди этектеп алып ээрчий берчүмүн. Атам экөөңөр мени аргасыз коноккобу же болбосо дүкөнгөбү ээрчитип алаар элеңер?

- Билбей анан, сен аябай өжөр кыз элең да.

- Атам… атам байкуш өлбөгөндө… - Кундуз мукактанып сүйлөй албай ыйлагысы келип кетти.

- Кызым, өлбөгөн адам болбойт, мына мен деле атаңмын, Зарина экөөңө бирдей ата болом, сиңдиңди жалгызсыратпа, инилериң турат, - Акмат Кундузду соорото сүйлөдү.

- Жалгызсыратпай калайын, ушуларды жөлөк кылам да, ата! - деп Кундуз Акматты биринчи жолу "ата" деп атап жиберди. Кантсе дагы адам баласынын чексиз мээримдүүлүгү ташты да эритээр. Көпкө чейин отуруп анан кайтышты. Гүлжигит менен Айдана калып калды. Ал эми Заринаны болсо: "эжең тыңыгыча каралашып тур" деп калтырып кетишти.

Жаш, бактылуу үй бүлө, алдыдагы келечегинен көптү үмүт этип, кичинекей наристени улам бири ала коюп кубанычтары койнуна батпай бактыга магдырап турушту. Чиркиндики десең, өмүр булагы бирөөнө акактай тунук жашоону тартууласа бирөөнө чаңкаганда жутаар бир кашык суусун да аяп койгону өкүнүчтүү!

Төлөгөн Көкүлгө баш кошуп, өзүнүн канча жылдардан бери кирбей калган үйүндө жакын адамдары менен молдону чакырып нике кыйдырды. Ал үйүнө кирген сайын Аруукени көп эстечү. Бул үйдө анын баскан изи, жыпар жыты, шыңгыр күлкүсү калган. Эчен түндөрдү аны менен бакытка балкып өткөрбөдүбү? Кийинчерээк ар кимди алып келип түнөп да жүрдү, бирок алар Аруукедей ырахат, сүйүү тартуулай албай анын күйөөгө тийип алганына бир чети чычалап, бир чети жини келип, аны унуталбай ичип коюп убакытты өткөрүп жибергенин кеч түшүндү. Ал өлгөндө мас болуп алып өксөп, ушул үйүнө келип алып аябай ыйлаган. Азыр Көкүлгө нике кыйдырып отуруп да ошолорду ойлоп: "жетишет, бир аял деп өмүрүмдү өткөрүп жибердим, мен да адамча жашашым керек" деп ойлонуп алды. Экөө Көкүлдүн баласын колуна алып жашай баштады. Көкүлдүн чакан камогун иштетип бири-бирине жөлөк болуп ынтымактуу. Көкүлдүн он эки жашар баласы оюндан башка эч нерсени билбейт. Төлөгөндүн жашоосу өз нугуна түшүп бараткансыган менен көкүрөгү бош, көөдөнү жаралуу кийиктей. Тагдырына баш ийип жашоосун оң жолго салганы менен өз баласы өзүнө жат болуп калганга көп ойлонуп кан басымы көтөрүлүп кетчү болду. Ошентсе да уулунан кечирим сурап, аны келинчеги менен үйүнө чакырып алсам дегенде эки көзү төрт. Бирок анын келээри, келбесине кыжаалат болот: "Менин ордумду басып, тукумумду улаарым башка бирөөнүн эшигинде жүрүшү кандай гана арман" деп үшкүрүнүп өзүн коёрго жер таппай кетет. Ошондойдо кычап кан басымы көтөрүлүп кыйналат.

Ар түркүн тагдыр, ар башка жашоо… Бири кем дүйнөнүн кээде кеңдиги, кээде тардыгы ай!

Бирөөлөр бакытка магдырап турганда дүйнө чексиз, табигат кооз, сулуу, ичкен ашы даамдуу…

Дагы бирине өксүп турганда ушунчалык чексиз кең аалам ал үчүн тар, баары көрксүз, жылаажындын үнү да ага жагымсыз. Ошентип бул ааламдан бири кетсе бири келип жалган жашоо улана берет экен.

Эмирлан Акматтын айтканы менен болуп айдоочулукка кайра иштеп калды, Айжаркын экөө аларды сыйлап турушат. Жазгүл да келинге абдан жакшы мамиле кылып өз кызындай көрүп өнтөлөп турат. Антип-минткиче Зарина бой жетти. Элдос дагы окууга тапшырып өтпөй калып үйдө. Атасына кеңешип аны Эмирлан жанында алып жүрөт. Жашоо өз нугу менен өтүп жатты, бирок Жазгүлдүн көкүрөгүндөгү өкүнүч арылбай күчөй берди. Апасы улам жыл өткөн сайын жашы өтүп баратканга ичинен: "кызым баласыз кантет, төрөп алса болот эле, көзүмдүн тирүүсүндө баласын көрсөм болот эле" деп сызып алат. Жазгүл ойлонуп эки-үч жолу врачка барып көрүнсө: "төрөйсүң, бир аз дарыланышың керек" дегени менен аны Акматка айтпады. Акмат аны чынында төрөгөнүнө деле карабады: "балам жок эмес, кудайга шүгүр ушул экөөнү бутуна тургузуп өз алдынча кылып койсом Жазгүл экөөбүз жашай беребиз" деген ойдо эле. Ал Жазгүлдүн "төрөп алсам" деген оюн сезбеди. Жазгүл ага айтпай эле алдыртан дарыланып атты. Анын ооруп атам дегенине Акмат күйпөлөктөй түштү. Анткени оорудан көңүлү калган неме коркуп кеткен эле. Алар бир павильон алып ошондо соода кылып ойдогудай эле таап жатышкан. Туура бир жыл дарыланды Жазгүл. Улам эс алып кайра жатып, акыры боюна бүткөнүн билгенде кубанычы койнуна батпай кубанып апасына айтты эле ал андан бетер сүйүндү. Жазгүл бирок күйөөсүнө айтпады: "Балким ал анча деле сүйүнбөс, балдары бар, ага баары бир эмеспи, өзүм үчүн төрөп алганым жакшы" деп ойлоп жүргөн. Төрт айдан өтүп беш айга карап калганда гана Акмат Жазгүлдүн курсагынын "бүлк" эткенин байкап:

- Жазгүл, эмнеге мага айтпадың, бул жерде "мен бармын!" деп бирөө тээп жатат го? - деп эркелете курсагын сыйпалай өөп койду.

- Айтканда не, баары бир билинет да, - Жазгүл ойлуу анын мойнуна колун артты, - Аман-эсен көз жарып алсам болду, өзүм да билбей калдым, сага айтканда сени жактырабы, жактырбайбы деп ойлодум.

- Эмнеге, сен кызыксың го, баланы кантип жерийин Жазгүл, анда мени кудай урбайбы, бала дегенде ак эткенде так этип жүрүп ушул экөөнү араң көргөм, кудай берсе төрөй бер, мен да тукумум көбөйүп көңүлүм тынчып калайын.

- Кудайга ыраазымын, өз көңүлүмдөгү адамды таап, минтип демине жылынып отурганыма.

- Мен да ыраазымын Жазгүл, сен көңүлүңө эчтеке алба, чынында Аруукени кыйын сүйгөн элем жаш кезимде…

- Сүйүүнүн азабын мен да тартым го, апендини да акылынан адаштырып салган сүйүү тузагына кимдер илинбеди дейсиң… - Экөө эки башка ойду ойлоп көпкө чейин эркелешип аял-эркектин кумары, эңсөөсү канганда гана барып уйкуга киришти. Акмат ошондон баштап Жазгүлгө оор жумуш жасатпай дүкөндөгү оор нерселерди өзү көтөрүп жүрдү. Жазгүл жалгыз кыйналам деп апасын Акматка кеңешип алып келип алган. Апасы үйдү карап колунан келишинче тамак-ашын жасап балдарга көз болуп жалгызсырабай оңуп эле калды. Күн өткөн сайын Жазгүлдүн айы жетип баратканга отурса-турса да аман-эсен көз жарып алсын деп тиленип төрөөр күнү да келип жеткенби, бир күнү толгоосу күчөп түн бир оокумда аны төрөтканага жеткирип коюп сыртта күтүп турду. Жашы өтүп калганда биринчи төрөт абдан оор болду. Кыйналып жатып араң төрөдү. Уул экен. Жазгүл өзүн жаман сезип үч күн ордунан тура албай жатты. Укол, дарынын күчү менен төртүнчү күнү эптеп ордунан турду да, былжырап, көзү башы тырышып-бырышып эмчек издеп жаткан наристесин карап элжирей кетти. Ошол кезде ага энеси менен Акмат келип калды. Апасы анын уулдуу болушу менен куттуктап эки бетинен өөп:

- Алып чыкчы, неберемди көрөйүн, ээ кудай ушунуңа тобо-оо, жалгызымдын баласын көрсөм деп тилечү элем, эми төрөлгөнүнө сүйүнбөй турганына сүйүн дегендей боосу эле бекем болсо экен жамандын, - деген эне кубанычтан көзүнө жаш алып ийди, - аман эле болуп ата-энеси менен ырыс кешиктүү болсун!

- Апа, мынакей уулум, көрчү мага окшойт бекен же Акматкабы?

- Ээ балам, кимиңе окшосо да боосу бекем болсун! - эне наристени колуна алып жыттап койду, - Аа-а жаман десе, чукуранып койгонун, жарыкчылыкка чыкканын сезип атат го ээ? - кубанычы койнуна батпай чөнтөгүнөн жүз арачыга оролгон акчасын алып чыкты, - Мына балам, бул жамандын көрүндүгү, пенсиямды алгандан бери коротпой катып жүрдүм эле…

- Апа койсоңузчу, ошол кантип болсун? - Акмат кайненесинин наристеге берген көрүндүгүн көрүп чоочуп кетти, ыңгайсызданып, - тим эле коюңуз, сизди небере көрүшүңүз менен куттуктайм, апа!

- Ыраазымын айланайындар, бул ырым, илгертен келаткан салт, жаңы көздү ансыз көрбөйт.

- Ай-ий, бул жөн эле Жазгүлдүн эле өзү го ыя, апа? - Акмат колундагы уулун аста олдоксон кармай болбураган жүзүнөн өөп койду, - Өзүң жакшы элесиңби, дурус болуп калдыңбы?

- Жакшы, бир аз күн жата тур дейт доктурлар, болбосо эртең эле кетсемби дегем.

- Кой кызым, жакшылап дарылан, андан кийин деле чыгасың, - эне кызын аяп турду.

Ошондон кийин Акмат менен Зарина келип кетти. Ал кичинекей бөбөгүн көрүп кубанып өөп атып кетти. Үйүнө келгенден кийин дүкөнгө Зарина отуруп, Акмат ага жардам берип атты. Жазгүл үйдө ымыркай менен алек, кичине торолгондон кийин деле аны Акмат үйдө бол деди, анткени баланы жакшылап баксын деген ойдо ишти өздөрү жүргүзүп жатты. Наристенин атын Марлес деп коюп үйдөгүлөрдөн Элдос да аны жакшы көрөт. Көтөрүп алып ойнотуп жумуштан келгенде эрмектешет.

Бул учурда Эмирландын аялы дагы кош бойлуу болуп ал дагы төрөдү. Уулунун балалуу болгонуна Акмат кубанып ага коляска алып беришти. Айжаркындын төркүндөрү бешик алып келишти. Атын Кубаныч коюшуп өздөрүнчө чоң үй бүлө болуп бактылуу күндөрдү баштан кечиришип кечээки өткөн окуялар эскирген түштөй өздөрүнчө шаттуу, шаңдуу.

Төлөгөн Эмирланды атайы келини экөөнү чакырган экен, ал барбай койду эле Акмат:

- Уулум, эми сен ата болдуң, атанын кадырын түшүнүүгө убакыт жетти, анын сенден башка баласы жок, барып келгиле, - деди.

- Ата, дегеле көңүлүм жок, ал жакшы болсо мынакей үйлөндүм, мында неге келбейт, балалуу болдум анда неге келбейт? Ысык-суугума атам сиз гана чыдап атасыз, эми кызматымды көрөөрдө мен кетип калсам болбойт го? - деди ойлуу Эмирлан.

- Сен ошо бойдон келбей коймок белең балам, эки үйдүн ортосунда эркелеп жүрө бер, атаңды да ая! - деди Акмат аны жүйөөлүү сөз менен жооткотуп, - Жок дегенде Айжаркын экөөң сыйын көрүп келгиле?

- Макул ата, сиз капа болбосоңуз барып келели, - Эмирлан араң зорго макул болуп, аялын ээрчитип анын үйүнө жөнөдү.

Алар келгенде Төлөгөндүн кубанганын айтпа, небересине эки жүз сом көрүндүк берип анан үйгө киргизди. Көкүл да аларды аябай жакшы тосуп алды. Бөлөк өскөндүкү башкача болот эмеспи, Төлөгөн канчалык эбедейи эзилип уулуна чери жазыла сүйлөп атса да бир калыптан жазбай отурду Эмирлан: "Атама караганда чындап эле жеңил көрүнөт" деп салыштырып да койду ичинен. Кой союп коноктоп, тапкан ташыганын алдына коюп, небересин алдына алып отуруп:

- Ийе айланайын десе, өзүңө эле окшошуп калыптыр, кичинекейиңде дал ушундай болчусуң, - деген Төлөгөн өзүнчө жетине албай атты.

- Анан эмне мен чоңойгончо бир барып көргөн жоксуң, эми кантип сизге боор берем? Мени атам өз баласынан артык көрөт, аны менен сизге караганда абдан ынакмын, алигиче эркелей кетем. Ойлосоңуз, тырмактай кезимде көтөрүп бакса, мен аны таштап атам бар экен деп баса берсем калыстык болбой калат го?

- Ээ балам, чынын айтсам апаңды абдан сүйчүмүн, аны өтө кызгана берип менден да кетти, эгер мен кызганып ура бербесем кетмек эмес экен… - Төлөгөн ойлуу күнөөсүн мойнуна ала отуруп калды, - Сени мен ал атаңды ташта дебейм, бир туугандарың турат, бирок бул жактагы тууган-урукка аралашып көнбөсөң болбойт, качанкыга дейре как баш Төлөгөн болуп жүрө берем, аны да ойлон, балам? - деди аргасы кете Төлөгөн.

- Сиз айткандай болсун, минтип эки анжы болгон жаман экен да, өзүмчө жаман болчу болдум.

- Бул тагдыр деген ошондой экен да балам, башыңа конгон бакытты да көтөрө билиш керек экен, көтөрө албасаң көтөрө чабат тура.

Ата бала кобурашып отурушту. Көптөн кийин Төлөгөн өзүнчө ойлонуп отурганда Эмирлан:

- Сиздин канча бир тууганыңыз бар? - деп сурап калды.

- Менин агам бар эле эки жыл мурун өлүп калды, арабыз эки жаш болчу, ошол канча айтты: "балаңды балдарга аралаштырып, катыштырып койсоң боло, бул сен качанкыга баласы жоктой болуп кара башыңды калкалап өтөсүң" деп…

- Ал эмне болуп өлдү эле?

- Өзүнүн кан басымы өтө жогору болчу, ичкенде үйдөн зорго дары-дармек менен алып калчуубуз, талаада ичкен экен, сырын билбей өлтүрүп алышыптыр…

- Аа-аа, денесинде эч кандай так же бирөө өлтүргөндөй белги жок беле?

- Анысын кийин көрүштү, анан кыйнабайлы деп тим койдук.

- Кимдер менен жүргөнүн же чогуу арак ичкендерин билдиңерби?

- Жанында өзүнүн досу бар экен, аны камап коюшуптур, кой деп чыгарып койдук.

Ошол бойдон экөө көпкө чейин үндөбөй калышты. Айжаркын менен Көкүл өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту. Эмирлан бир кезде атасын карап:

- Аны өлтүргөн адам эгер табылса, соттотот белеңиз? - деди сынай карап.

- Ой кокуй күн оой, сен жөн эле тергөөчүдөн өтөсүң го уулум, эми аны мен өлтүргөм деп бирөө мага келмек беле же?

- А кокус мен өлтүргөн болсомчу?

- Эмне дейт ой?! - Төлөгөн Эмирланды оңурая карап таңдана туруп калды да, - Сен аны эмнеге өлтүрмөк элең? - деди.

- Тааныбасам, чогуу арак ичсем, уруша кетсек, өлтүрсө өлтүрүп койгондурмун?

- Кой балам, кой башка сөздү сүйлөшөлүчү, акем байкуш, жаны жаннатта болгур, сени алып кел деп жүрүп өтүп кетти.

Ошону менен сөз бүткөндөй мелтирей отуруп калышты. Эртеси Көкүл экөөнө бир сыйра кийим кийгизип, небересине козу энчилеп берди. Кешикти көп көтөрүнүп алып үйүнө келишти. Төлөгөн аларды "бүгүн-эртең тургула, жок дегенде бир жума туруп кет" дегенине Эмирлан болбоду. Ал келгенде Акмат менен Элдос дүкөндө Заринага жардам берип товар ташып бергени кетишкен. Жазгүл алардын келгенине сүйүнүп кетти:

- Ырас келбедиңерби, тиги начальнигиңер ишке чыксын деп чакыртып ийиптир, Элдос келсе жумушуңарга баргыла эми.

- Ооба, барбасак болбойт, атамдар азыр келеби?

- Келет, суулар түгөнүп калыптыр, экөө алып келебиз деп кетти, келип калышаар…

- Баланы таштап базарга барып келип калалы, сиз экөө менен кыйналбайсызбы?

- Эмнеге кыйналмак элем, Марлес болсо чоңоюп калбадыбы, аны апам алып отура берет, мен Кубанычты карайм, жумушуңарды бүтүрүп келе бергиле! - деп Жазгүл аларга жылмая мээримдүү карады. "Кандай жакшы адамдар, эгер атам апамды жакшы карап күтө билсе балким өлбөйт беле? Акмат атамдын бактысы чоң киши экен, ушундай жакшы аялдар жолуккан" деп ойлоп алды Эмирлан. Экөө арыдан бери базарга барып атасы берген он миң сомду пулдап бир топ тамак-аш алышты да жетип келишти. Эмирлан оюнда Аруукеге өзү колунан чыгарып куран окутуп коюуну ойлогон эле. Анысын айтпай эле баарысын алып келди. Келсе Акмат менен Элдос үйдө экен, дароо эле маршруткасын жылдырып жөнөштү. Ал келгенче Айжаркын тамак даярдап күтүп калышты. Баары тегеректеп дасторконго отурганда Эмирлан:

- Ата, апама бир куран окуп коёлу? - деди Акматты карап.

- Мейли балам, куран окубай анан, - деди Акмат куран окуп.

- Апамдын кадырын билбей өткөрдүм ата, көрсө тайкы акылдык кылган окшойм, эми ойлосом апам асылзаада аял тура…

- Ээ балам, тирүүдө баарыбыз аңды-дөңдү карабай көпкөн учурлар болот, ошентсе да анын арбагын сен, биз эстеп колдон келген тамак-ашты атап турсак ошончолук сооп болот, ошон үчүн, арбак ыраазы болбой тирүү ыраазы болбойт дешет да.

- Сизге ыраазымын ата, Элдос экөөбүз чарчадык, эртең эрте чыгабыз, жатып эс алалы, - деди дасторконго бата кылгандан кийин.

- Эс алгыла балдарым, эс алгыла, бул заманда жашоо үчүн күрөшпөсө болбойт. Жашоонун өзү күрөш, - Акматтын сөзүн угуп анан өз бөлмөсүнө өттү. Акмат өзүнчө ойго батып кетти. Тээ бир кезде Арууке: "ушул үйдү Эмирланга берип, өзүбүз бөлөк үй сатып алабыз, анткени сатып алганда эле арнап койдум эле, сен капа болбойсуңбу?" деген эле. Азыр ошол эсине түшүп: "кой, биз үй сатып алып, буларга бошотуп берели, апасынын аманаты" деп күрсүнүп алды.

Ошондон жарым жыл өткөндө Акмат бир үйдү көрүп абдан жактырды, дунгандардын салган үйү экен, кийин алар бир оруска сатыптыр, ал орус Россияга кеткени жатыптыр, абдан арзан дагы экен. Жазгүл экөө кеңешип көрүп ошону алмак болду. Эмирлан менен Элдоско дагы жакты. Сатып алышты дагы, актап-сырдап бир жумадан кийин көчүп келип алды. Кетээринде Акмат дасторкон үстүндө:

- Уулум, мен сага айта элекмин, апаң мага бул үйдү Эмирланга бергин деди эле, эми сен да үй бүлөлүүсүң, биздин кетип атканыбызга капа болбо, биз келип сен барып турасың, өзүң да туугандарыңдан четтебей катышып тур, сен мени туура түшүн, - деди.

- Түшүнөм ата, сизди кантип түшүнбөйүн, мен сизге өмүр бою ыраазымын! - деди Эмирлан атасын кучактай, - өз атам сиздей адам болгондо башкача болмок, мен аны сизчелик көрө албай жатпайымбы?

- Антпе балам, баягы жаш кезиңе караганда өзүңчө киши болуп, ак караны ажыратып эле калбадыңбы, көнүш керек, "туугандын турпагы алтын" дейт, силер бизди кетип калды деп таарынбагыла, Зарина Кубанычты карашып келип турат. Анан силер дагы кечикпей барып мынабу күчүктү көрсөтүп тургула.

- Барбай анан, тез-тез эле барып турабыз, - деп ата-бала экөө кучакташа Мерседеске түшүп чогуу жаңы үйгө жөнөштү. Ошентип эки бакыр бир тукур болуп бирин-бири толуктап, бирине-бири жөлөк таяк болгон ынтымактуу үй бүлө мамыры-жумуру болуп, жашоонун кызыгын алдыдан күтө соода деген караламан калктын тынчын алган машакатка эт-бети менен киришип, акча дегенди таап күнүмдүк оокаттарын өткөрө беришти.

***

Гүлжигит менен Айдана иши жүрүшүп, бир жылда эле жаңы маркадагы машина алышты, баягы ата-энеси алып берген бир бөлмөлүү үйдү заңгыраган үй сатып алгандан кийин батирге берип коюшкан.

Нуржигит менен Кундуз эки балалуу болушту, негедир алар үйүндө эле жашап жүрүшөт, деле кыйналбады, Кундуз болсо кийбегенди кийип, кайкалаган келин болгон, ал негизи өзүнө эч кимди теңебеген керсейиңки мүнөздө болчу башынан. Эки бир тууган кээде эле жамандык-жакшылыкта жолукпаса, абысындардын тирешинен улам алыстай башташкан. Экөө кыйын тирешет, анткени Кундуз кийгенди Айдана кийбесе өлүп калчудай абалда болуп, ошондойду кийип анан жаны тынат. Ага-ини эптеп балдарынын көңүлү үчүн аялдарын кыя албай жашап келишет. Бир үйдө ынтымакты бир гана адам сактап келген үй бүлөлөр болот эмеспи, Камбар менен Зымыраттын көзү өткөндөн кийин эки бир тууган салкын мамиледе болуп калды.

- Ай Гүлжигит, тиги келиниң тим эле керсейет ай, анткидей менин агам, же ата-энем рэкеттик кылып же мафиянын башчысы болуп арам акчага көпкөн жокмун, тапсак адал мээнетибиз менен кийип ичип атабыз, каадаланбай эле койсун да! - деди бир күнү Айдана Гүлжигитке.

- Аны мага эмне айтасың, жүрсө жүрө берсин, агасы экен берет, мафиябы, балекетпи экөөбүзгө эмне зыяны тийип атат, болбогонду айта бербей жөн жүрчү, - Гүлжигит аны жактырбай мурду менен бир тийди, - көрсө өзү көрөт, тартса өзү тартат азабын, эмне кыласың?

- Кундуздун керсейгенине жиним келет ай, тим эле кымбат-кымбат сепичкаларды мойнуна илип алыптыр, колдорунда кош-коштоп бриллиант шакек…

- Алардын деги эле башынан ата-бабасынан калган казына бар үчүн, баарын өлтүрүп кеткен да, алар негизи ак сөөктөрдүн тукуму, "эркектен тукум калган жок", деп апамдар айтышчу.

- Ак сөөк болсо эле эмине, улуу жеңем деп кичине мени же сени сыйлап койбойбу?

- Мени сыйлайт эле, сен эле ушинте бересиң.

- Ооба, сени сыйлайт, кана бүгүн барып бир "акыбалыңарды билип учурашканы келдим" деп жатып келчи, көрөйүн сени сыйлаганын.

- Барса барам эле, сыйлабаганда эмне…

- Мен артыңдан барам, кантип сыйлаганын көрүп ыраазы болоюн тим эле, ушу сени чын эле сыйласа экинчи эчтеке дебейм!

Гүлжигит какылдаган аялына андан кийин эч нерсе дебеди. Жөн гана: "чын, эки көздүн карегиндей бир тууганбыз, бир барып учурашып келейин" деп ойлоп түштөн кийин жөнөп калды. Ал келгенде Нуржигит эшикте улуу баласы менен отурган экен. Агасын көрүп ордунан туруп кол алыша учурашты. Гүлжигит үчтөгү Элмирди көтөрө эркелетип ага атайы ала келген оюнчугун карматып, бетинен өөп атып:

- Кундуз кайда? - деди.

- Ал азыр келет, тиги үйгө кетти эле, Зарина экөө, жыйып-кагып келгени.

- Ии, - деген Гүлжигит экөө сыртта аны-муну сүйлөшүп отуруп ата-энесине куран окутууну кеңешип турганда Кундуздар келип калды. Ал кайнагасын көрүп күлүп-жайнап учурашты да:

- Акемди үйгө кир дебей эмне эшикте отурасыңар, кой мен тамак жасайын, үйгө киргиле! - деп коюп колундагы бир жашар баласын Нуржигитке карматып кирип кетти. Гүлжигит кичинекей Апсаматты алып өөп, эркелетип:

- Ананайын десе, чоң атасы сагынды го ушуларды, - деп жетине албай турганда Кундуз аларды үйгө чакырды. Бирок экөө сүйлөшүп бир аз туруп калды. Ошондо Айдана артынан келип эле:

- Аа-аа байкуш, көрдүңбү мен айтпадым беле, сыйламак тургай иниң менен келиниң үйгө кир деген эмес го? - деп табалай басып келип калп эле балдарды өөп анан, - кой кеттик! - деди Гүлжигитке.

- Эмнеге, сен кызыксың го Айдана, Кундуз укса эмне дейт, жөн тур, биз сүйлөшүп туруп калдык, - Гүлжигит Айдананы басты.

- Ата-аа кудай ай,.. - деп келатканда Нуржигит жеңесин таңдана карап:

- Жеңе, үйгө киргиле, Кундуз эмеле келип үйгө киргиле дегенинен сүйлөшүп бүтө элек болчубуз, - деп үйдү көздөй жол баштады. Аңгыча Кундуз:

- Нуржигит, акемди үйгө киргизсең боло, эшикте эмне туруп алдың? - деп үйдөн эле үн салганда Айдана кыйпычыктай алардын артынан кирди. Кундуз абысыны менен учурашып, аларды төргө өткөрдү. Дасторкон жайып, мөмө-чөмө баш болгон, өрүк-мейизди төгүп салыптыр. Айдана: "бул иштеп кыйналбай сопсонун жашап жатат, биз болсо керээлден кечке тикебизден тик туруп жанды кыйнап акча табабыз, мен мындан Гүлжигитке билгизбей акча сурап көрөйүн, берээр бекен же бербес бекен?" деп дасторкон четинде отуруп алып ойлоп койду. Кундуз жан-алы калбай "алгыла, чай ичкиле" деп сыйлап атканда Гүлжигит көз кыйыгын аялына жиберип: "ийи, эми эмне дээр экенсиң" дегендей корсоюп отурду. Чынында Айдана Кундуздун иштебей-этпей эле үйдө жатып алтындарды кош-коштоп тагынганына ичи күйүп, же бир тууганды уруштуруп, ал турсун Нуржигит менен Кундуздун араларына да сууктук салып уруштургусу келе берчү. Анын жаркылдай өздөрүн сыйлап атканын көрүп, чай сунган сайын колдорундагы бриллиант шакегинин жалт-жулт эткенине ого бетер ичи күйүп атты. Эки-үч сааттай отуруп тамак ичип бүткөн соң Кундуз целлофан баштыкка конфет печенье, өрүк мейизден салып берип:

- Муну балдарга алып барып бергиле жеңе, аларды деле ала келсеңер болмок экен, жатып алып эле кетет элеңер, - деди.

- Ой кокуй, алар жебей жүрүптүрбү мындайды, чоңоюп калбадыбы, алар отуруп турушат бир паска, - деген Айдана дароо куйруңдап Кундузду ары жетеледи.

- Эмне болду, жеңе? - Кундуз аны элейе карап кошо басты.

- Эчтеке, эркектерге айтсаң алар түшүнүшпөйт, мен сенден бир зарыл нерсе сурайын дегем.

- Мейли, сураңыз, бар болсо сизден аяп эмне?

- Сен мага эки миң доллар берип тур, иштетип алып анан берем! - деди.

- Жеңе, менде андай акча деле жок да, өткөндө акем салып ийген акчага кайниңиз экөөбүз кийинип, шакек тагынып алганбыз, - деди Кундуз жеңесине.

- Койчу Кундуз, сенде бар, ишенбей атат окшойсуң, - деди Айдана, - Сенде бар, андан көрө бере тур, мен сөзсүз кайрып берем.

- Оой жеңе, сизге ишенбей эмне! Бар, бирок азыраак эле, үйгө мебель-себель алсакпы дегенбиз, тиги кайнатамдар урунуп жүргөн мебелдин баары эскирип калыптыр, ошолорду жаңыртып алсакпы деп жүрдүк эле.

- Жок дегенде миң бер!

- Мм, - Кундуз бир аз кысталгансып, ойлоно түштү, - жеңе, мейли эми, миң доллар берип турайын, анан керек болгондо бересиз да, тамак-ашка деп катып койгон элем өзүнчө, ошону берип турайын.

- Берем, сөзсүз берем, - Айдана шыпылдап келининин ичи койнуна кирип атып: "адегенде колума тийгизчи, анан беремби же бербеймби көрөбүз, бир туугандардын ортосунда мындай нерсе болбосо болмок беле?" деп кымылдап Кундуздун алып чыккан миң долларын сумкага салып алды да, коштошуп жөнөп кетти. Булар сүйлөшүп атканда Гүлжигит менен Нуржигит абысындардын ынак болуп сырдашып атканына ичтеринен кымыйып: "ушул экөө ынтымактуу болсо ата баладай тез-тез катышып турмакпыз", дешип сыртта аларды күтүп турушту. Көптөн кийин гана экөө шаңкылдап күлүп үйдөн чыгышты. Демейдегиден башкача күлгөн Айдана Кундузду колтуктап тим эле көңүлү куунак. Гүлжигит: "бу желмогуз аны көргүсү келбей эле атчы эле, кандай аны колтуктап алган" деп ойлонуп алды.

Түнкү саат ондордо коштошкон бир туугандар жолго чыгып бирин-серин маршрутканы карап өздөрү кетчү жакка каттаган маршрутканын токтоп калганын билишти да такси менен келишти. Улуусу он экиге чыгып калган. Келсе баары уктап калышкан экен. Эшикти такылдатып атып зорго ачтырып, жатып калышты. Айдана Кундуздан алган акча жөнүндө күйөөсүнө эч нерсе айтпады. Гүлжигит эмки базарда ата-энесине куран окутаарын айтканда, ал:

- Ийи, куран окутса барабыз да, колубуздан келгенин көтөрүп алабыз.

- Ал эмне дегениң, союшту ортодон чыгармак болдук, дасторконго боорсок, аны муну коюш керек, баарын ортодон чыгарабыз да?

- Эмнеге ортодон, союшун алар чыгара берсин, калганын алсак болоор, ошол деле оңбогондой акча болот да.

- Кызыксың Айдана, баарын эле аларга жүктөй берсек болбойт, экөөбүздүн ата-энебиз да?

- Зато алар ата-энеңдин бүт дүйнөсүн алып калган, бизге бирдеме берди беле, же энчи бөлүп бербесе, эптеп оокатыбызды өткөрүп жатсак, балдар да чоңойуп калды…

- Кудайга шүгүр эле таап атабыз го Айдана, эчтеке таппасак бир жөн.

- Ошентсе да балдар үчүн бир нерсе кылыш керек, же сенин ата-энең үй сатып берип койду беле? Менин тырышканымдан ушул даражага жетип үй-жайлуу болуп отурабыз, менин атамдар сатып берген үйдүн акысы да ушул балдар үчүн жыйылып атат, андан көрө банкка барып чогулган акчаны салалы да, ай сайын кошуп туралы. Ушу кезде элдин кандай өзгөрүлүп, экиге бөлүнө баштаганын көрүп турбайсыңбы, ошон үчүн элден артта калбай бир кадам алдыда болгонубуз жакшы го?

- Өтө эле жанталашкандан эмне пайда, а балдардын өз пешенесине жазганы бар.

- "Пешене, пешене" деп коюп отура берсең ачкадан өлөсүң! Айт иниңе, бул жолу өзү эле куран окутуп койсун, кийин биз өз үйүбүзгө окутабыз.

- Түшүнбөгөн неме экенсиң, сен бүгүн Кундуз менен эмнени сүйлөштүң?

- Эмнени деп коёт, ал эмне тигил атаңдардан калган эски диван, креслолорун алып чыгып коюп жаңы алабыз дейт, ошону айтып мактанып атты, агасы беш миң доллар салып ийиптир!

- Ой эски дебей эле аларды биз алып келип алабыз андай болсо, ата-энемдин кармаганын талаага таштабай.

- Эмне-е? - Айдана күйөөсүн көздөрүн алайта жини келе карады, - Ой сенин эс акылың жайындабы деги, алар "эски, жам-ан" деп чыгарып койгон буюмду биз эмне кылабыз ыя?

- Эч кандай ски-мески эмес, аларда ата-энемдин отурган элеси, орду, жыты бар, аларды мен өзүм алып келем да, мен өзүм отурам! - Гүлжигиттин айтканынан кайтпаган сырын билген Айдана бир азга үндөбөй калды: "Каап, айтпай эле койбой, чын эле аны алып келип алам десе эмне дейм, Кундуз аны эшикке чыгарып коёбуз деп айткан эмес эле, уят болом го эми" деп ойлонуп ары карап жатып алды.

Гүлжигит аялына ишенип калган. Бирок ал кээ-кээде көз кыскан эркектерге барып деле койчу. Азыр ага бир бизнесмен ашыгып жүрөт. Кундуздан алган акчага бир сыйра кийинип алып анан ошону менен билгизбей ойномок оюнда. Эртеси балдарга кийим-кече алам деп толчокко кетти. Өзүнө кымбат баалуу кийимдерди, сөйкө шакек менен цепочканын төрт жүз долларлыгын алып, анан Гүлжигитке жолугуп:

- Сен сооданы кыла бер, балдарды мектепке жөнөтүп келейин, - деди эле ал унчукпай макул деп кала берди.

Убакытты бекер өткөрбөй болжошкон жерге келип бизнесменге жолугуп аны менен ресторанга киришти.

- Келиңиз сулуу, сиздин ден-соолугуңуз үчүн алып коёлу, - деди ал келинди жылмая карап.

- Рахмат, бүгүнкү жолугушканыбыз үчүн! - Айдана кичине ууртап рюмканы коюп койду. Столдун үстүндө эмне гана жок, баары турат. Экөө көпкө отурушту. Айдана ал күнү эптеп Гүлжигитке эч нерсени билгизбей кутулуш үчүн биерден эртерээк кетип калууну ойлоп:

- Осмон, сиз мени туура түшүнүңүз, бүгүн эртерээк барбасам күйөөм өлтүрөт, эртең ушул учурда жолугалы, азыр мен кете берсем, - деди тынчсыздана.

- Болуптур, мен сизди дал ушул жерден күтөм, кечикпей келип калыңыз, - деди да коштошуп бөлүнүп кетишти.

Бир аз ичип койгонго эки бети кызарып чыккан Айдана шашып-бушуп жетип келди. Аны көргөн Гүлжигит, жанында отургандар таң калып калышты. Себеби Айдана аябай жасанып эки колуна экиден кымбат баалуу шакек тагынып, мойнундагы чынжырчасы эл көзүнө дароо көрүндү.

- Ой сен кайда жүрдүң? - Гүлжигит аялын негедир ичинен кызганып алды да, бир эсе аялынын сулуулугуна суктанып: "менин аялым ушундай сулуу жан" деп корсоюп алды.

- Кайда жүрмөк элем, балдарды мектепке алып бардым, тиги Аскардын мугалими чогулушка ата-энеңердин бири келсин дептир, ошого катышып келдим.

- Туура кылыпсың, анан сөзсүз эле алтын тагынып барыш керек бекен, чогулушка?

- Ой кызыксың деги, көрсөң таң калат элең, ал жердеги ата-энелердин кандай кийинип барганын, анан калса Аскар жалаң чоңдордун балдары менен окуйт экен садага, - Айдана өзүнчө кубана күбүрөнүп койду. Бирок мунун баары калп болчу. Эптеп бир жооп айтып күйөөсүнөн кутулуу эле.

Ошондон баштап Айдананын жүрүшү бир башкача болуп баратты.

Гүлжигитти өзүнүн жумушунан атайы чакыртышып, айлыгы көбөйгөнүн, иш билги адис керектигин айтып, адилет министрлигине келсе начальник күтүп аткан экен.

- Ассалом алейкум, - Гүлжигит кирип кош колун сунду.

- Алеки салам, бу сен кайда жүрөсүң ыя, кайран билимди кор кылып базарда жүрөт дегенинен чакырттым эле, так өзүңө ылайык орун бар, эртеңден баштап иште, - деди аны начальник. Анткени ал өздөрүнүн туугандарынан болуп кетчү, бир жагы өзү студент болуп жүргөндө Камбар менен Зымыраттын далай даамын татып, үйүндө жашап кеткен эле.

- Макул, иштесе иштейин, - Гүлжигит аны карап жылмайып койду.

- Эй, сени Камбар акемин, жеңемдин кадыры үчүн чакыртып алып ишке орноштуруп атам, болбосо ушу кезде дипломун көтөргөн далайлар келип атат, берчүсүн конвертке салып, - деди каткырып коюп Гүлжигитти карап, - Же калп айтамбы ыя?

- Чын-чын, түшүнүп атам аке, эми мен деле конверт сунганга жарайм, кантип эле…

- Ой ата-ааң чычым десе, мен сени чакыртып алып анан конверт алайын дептирминби, өзгө өздөй мамиле кылууну биле жүрүш керек, уктуңбу? - Ал эңкейе шыбырап койду.

- Уктум аке, жок дегенде түштөнүп келели.

- Оп баракелде, мына мунуң адамгерчилик, сен жакшы адамдардын баласысың, ошолордун арбагын сыйлап анан, минтип сени кызматка алып атпайынбы?

- Рахмат аке, - Экөө ордунан туруп сыртка чыгышты.

Гүлжигит кызматка чыгаарын айтканда Айдана секирип кетти.

- Ой ошол кызматыңан дегеле жарыбайбыз, андан көрө бул жерде жакшы эмес беле, өзүм жалгыз кыйналам да, товар алып келип, кайра киргизип...

- Сен жаныңа Кемелди кошуп ал, ал окуудан кийин сени менен бирге болсун. Азыр жакшы кызмат оңой менен табылбайт, мен оңуту келип турганда барып иштей берейин.

- Өзүң бил эми, иштегиң келсе иште, эптеп иштей берем, - деп Айдана макул болгонсуду.

Ошондон баштап Айдананын колу-жолу бошогонсуп эле калды, күндө түшкө чейин соода кылат да түштөн кийин уулу Кемелди коюп коюп, бизнесмен жигити менен кетет. Осмон өзүнүн ишканасы бар, иши жүрүп жаткан абдан абройлуу неме эле. Өзү элүүдөн өтүп калса да чымыр денелүү, жарашыктуу көрүнгөн адам эле. Гүлжигит негизи жоошураак, анан төшөк жаатындагы мамилеси Айдананы канааттандырчу эмес. Ал эми Осмондукун аны менен салыштырууга мүмкүн эмес эле. Келин-кыздар менен көп көңүл ачкангабы, же өзү абдан дарамети күчтүүбү, Айдананын жарпын жеткире жазгандан улам, анын көңүлү абдан сергип, баштакыдан да шайыр болуп чыга келди. Осмон кыргыз баласы, ата-энени сыйлаган уул болгондуктан, убагында көңүлүнө жакпаган кызга үйлөнүп алган экен. Азыр ал аялы оорукчан болуп төшөктөн турбай калыптыр. Ал Айданага чын көңүлү менен берилип: "күйөөңдөн ажыраш" дей баштады. Ага ал анча көңүлсүнбөй ичтен ойлонуп жүрө берди. Бир күнү Гүлжигит экөө жаткандан кийин төшөктө ага Айдана минтти:

- Гүлжигит, сен дайым эле өзүң бүткөндөн кийин жатып аласың, мени деле ойлоп койсоң боло, менин деле каалоом бар да, эркектей болуп же эркелеткенди билбейсиң, кичине бир көңүл салып берилип койсоң боло?!

- Ой, сен эмне, сойку кезиңдегидей эле кумарыңды ойлоп жүрөсүңбү? Мен андайды билбейм... Билсең, менин балалыгымды сен алдап туруп алгансың, мен кумар-сумарыңды билбейм, тынч жатчы! - деп тескери карап жатып алды. Айдана Гүлжигитке тийгени дегеле эркектей болуп аймалап өөп, өзүн эркелеткенин эстей албады. Ойлонуп жата берди: "эмне, мен али жашмын, отузга жаңы чыгам, ойноп-күлө турган убагым, жаш туруп койнумда доңуздай кошкуруп жатса мен эмне мунун көркүнө жүрөмбү, жашы улуу болсо да Осмондун мени эркелетип ай-асманга жеткиргени жагат", деп ушул мүнөттө Айдана Осмонду эңсеп атты. Басып кете берейин дейт, балдарын кыя албайт. Үчөө тең биринен бири өсүп баратат. Эң кичүүсү сегизде, жаңы мектепке кирди. Ата-энеси да абдан катуу кармап: "Гүлжигит жакшы, сен адатыңды карматпай тынч жүр, бир сөзүңдү уксак балалыктан кечип коёбуз" дешчү. Балдары чоңоюп, убакыт өтүп жашап калышканга эч нерсе дебей калышкан. Ал эми Гүлжигит болсо ага ишенип калды: "эми балдар чоңойгондо кайда бармак эле, жаштыкта болгон экен, 'жаңылбаган жаак болбойт' дегендей" деп ойлоп алып кээде "ашыкча боёнуп, кийимди акыркы мода менен өзгөртүп өзүн тыкан, таза алып жүргөнү жакшы" деп ойлойт, эч нерсени баамдабай.

Убакыт билинбей сызып бир жыл өтүп кетти, Осмон экөө бул арада канча ирээт махабат көлүнө чумкуп, канча ирээт бири-бирин кумарга батырбады. Бирок Осмон ага:

- Айдана, мен жашырынып жашай албайм, давай ажыраш, үйлөнөбүз, мен мындан ары чыдабайм, - деди бир күнү жолукканда, - мына жакында аялымдын да жылдыгы болот, ошого чейин ажыраш.

- Оой Осмон, эмне деп ажырашам, үч балам турса, күйөөм бирдеме дебесе, - Айдана айласы кете, - Сен башкага баш кош, мен очор-бачар үй бүлөмдү буза албайм, - деди жер карай.

- Мен башкага үйлөнсөм сени ажыраш деп отурмак белем, мага сен жагасың, мүчө-келбетиң жагат, менин жанымда ээрчишип жүргөнгө сен гана татыктуусуң, - Осмондун айтканын угуп, жалаң элитный адамдар менен ресторандарда, тойдо ак куудай койкоюп, Осмонду колтуктап алып жүргөнүн элестете ойлуу тура берди Айдана.

- Балдарым эмне болот?

- Аларды атасы карабаса алып келе бер, кудайга шүгүр жетишет, багып алабыз.

- Келбейт го алар, атасын жанындай жакшы көрүшөт.

- Анда аларга сыртынан матриалный жардам көздөп турабыз.

- Ай билбейм, эмне кылаарымды билбей калдым… - Айдана ойлуу телмире коштошту Осмон менен. Ошол күнү ал кечирээк келди, атайылады, бирок Гүлжигит келе элек экен. Анын жогуна жини келди, "мен кечигип келсем уруш чыгарса кетип калам" деген ойу ордунан чыкпаганга кыжаалат болуп отурганда Гүлжигит келип калды. Ал бир аз кызуураак экен. Аны көргөн Айдана бир жарылып алды:

- Ийи, кызматкер болуп жалтыраган кабинетте отуруп алып, ойсокелер менен ичип жүргөнсүң го?

- Айдана, койчу бай болгур, ойсоке эмей эле, коллективдер чогуу туулган күндө болдук, шефтин туулган күнү экен.

- Сен туулган күндөрдө көңүл ачып жүрө бер, мен болсо күндө товар ташып, ящик көтөрүп, балдарды багам деп башым менен башмалдак атып жүрүп ата-энемди да унуттум, жок дегенде учурашып келгенге убакыт таппайм.

- Сени мен барба деген жокмун го, барып келе бербейсиңби?

- А сенчи, сен барбайсыңбы? Күйөөсү жоктой болуп соксоюп өзүм барайынбы ыя?

- Ой, деги үйгө келгенде тынч отургузасыңбы же?

- Эмне, кыздар менен көңүл ачканга чарчап, мени менен сүйлөшкүң келбей калдыбы? - Айдана ого бетер аны кекетип кирди.

- Койсоңчу эми Айка, койсоңчу болбоско ушинте бербей, мен эмне күндө ичип же кеч келип жүрдүм беле, коллега деген коллега да, андан чыга албайсың, майрамдарда, туулган күндөрдө чогулмайлары бар экен.

- Анда мен деле өз ишиме иштейин, мен деле коллегалар менен көңүл ачып, шарактап жүргүм келет. Балдарды, сени ойлоп базарда ысык-суукка карабай отурам. Экөөбүз тең өз-өз ишибизде иштесек эмнеге болбойт экен. Балдар чоңойду, чоң ичип чоң кийет, алган айлыгың сеники беш миң сом, анын жарымын ойноп күлгөнүңө жумшасаң эмнеси артат, бир эле туфлиң миң сом турат өзүңдүн! - Айдана эбиреп-жебирей берди. Гүлжигит андан кийин унчукпады.

Кийинки убакта Гүлжигит аялынан тажай баштаган эле: "Ушундан көрө ажырашып эле алсам окшойт, какылдан көп сүйлөйт, иним менен катыштырбай баратат. Анын балдары менен менин балдарым бир биринен алыс болуп өсүп калды, бөлөк адамдай болуп калышат" деп жатып алып ойлоно баштады.

Бул үй бүлөдөн ошол күндөн баштап жарака кете баштады. Ортодо сүйүүсүз курулган жашоо, бу турмуштун экөөнө тең кереги жок болуп балдары үчүн гана биригип тургандай… Арадан эки ай өттү, Айдана Гүлжигитке өчөшүп секретаршанын жумушун издеп тапты, бирок ага Осмон иштебейсиң деп туруп алды:

- Андан көрө менин үйүмдүн жарыгы болуп бер, балдарым болсо каршылык кылбайт, экөө тең чоңоюп кеткен.

- Болуптур, бир айдын ичинде мен же ары же бери болом, - деди Айдана чечкиндүү.

Гүлжигит ошондон тартып үйгө кеч келип эрте кетет. Айдананын сүйлөгөнүн, урушканын ойлоп да койбойт. Бирдеме шам-шум этсе этип, болбосо жатып алат. Айдана ага ошол күнү күтүп отуруп чечишүүнү ойлоп атты. Бир түнү Гүлжигит дагы кызуу келди.

- Сен минтип жүрсөң балдар эмне болот, сага ишенип жүрсө... Сен бир нерсеге кабылдың…

- Ооба, жаштык кылып сойкуга алданып калгам, эми мен дагы бирөөнү сүйүүгө акым бар! - деп Гүлжигит ачык эле балп эттиргенде Айдананын оозунан сөзү түшүп эле калды. Ал ошондо гана түшүндү. Баары бир эртеби-кечпи, бул сөздү акыры бир күнү айтаар деп күтүп жүргөн, мынакей укту. Бирок ал андан соң жаштык кылганын көп ойлонду, анан калса өзү деле жаш эмес беле... Ал ошондон баштап кайра эле контейнерге чыгып соода кыла баштады. Гүлжигитке сүйлөгөнүн да, урушканын да койду. Осмонго жолукпады: "Кереги жок, мен акылы жоктук кылып, балдарым турса башка күйөөгө тийип кеткеним болбойт - Гүлжигит кетсе ана, кетпесе мына" деген ойдо баягыдай ойсоңдобой ишин гана ойлоп "жакшы кийинип, жакшы тамак ичип, балдарымдын алдында жүзүм жарык болсо болду" деген чечимге келди. Балдары чоңоюп кол арага жарап калышты. Кемел кадыресе чоңоё түшкөн. Апасына колуна кол, бутуна бут болуп жанында. Гүлжигит ой-даа жигиттик доорун сүрдү, өзүн сүйөм деген кыз менен каалаганча жүрдү, анан бир күнү тажады көрүнөт, андан кача баштады. Үйдөгү балдарын, аялын эстеп, өзүн колго алууга аракеттенди…

Ошентип тентек-жөнтөк болуп шамалдай сызган жаштыктын артынан экөө тең өздөрүнчө ойлонду, балдардын келечегине карап кайрадан мамыры-жумуру болуп өмүр сүрө башташты. Осмон Айданага кайра-кайра келсе да болбой койду. Ошондон кийин Айдана ойлонуп, турмуштун өйдө-ылдыйын көтөрүүгө бел байлады. Нуржигиттерди конокко чакырып бир туугандар кубанычтуу дасторкондо отурганда Айжаркын менен Эмирлан келип калды. Анткени бул күн Айдананын туулган күнү болчу. Көптөн бери жолугушпай жүргөн курбусу Айжаркын келип чогуу отурушуп, айтылбаган сөздөр калган жок. Айдана бүгүн отуз жашта. Улуу баласын он жетисинде төрөгөн эле, минтип он үчкө чыгып калды. Бактылуу үйбүлө жаңылыштыктарын, өткөн терс иштерин унутуп бүгүн бакытка тунуп турган кездери. Экөө тең үйбүлөсү, балдары менен гана бактылуу болоорун сезип, ушул күнү жадырап жайнап отурушту.

Жаштык-мастык кылып кээде жаңылып, бирде түзөлүп, адам өзү терең ойлонсо анан катачылыгын тез эле жоюуга болот, ал эми өз катасын сезбеген адам эч качан түз жолго түшө албасы белгилүү эмеспи. Айдана менен Гүлжигит өз каталарын түшүнүп жашоодон өз жолдорун таап, балдарынын бактылуу ата-энеси болууга табышмактуу тагдырдан өз жолдорун таап отурушат. Алардын арасында Эмирлан менен Айжаркын да булардын бактысына кубана жакшы калоо-тилектерин ыроолоп, эч качан муңайбас өмүр каалап үйлөрүнө кайтты. Нуржигит жеңесине чексиз мээримди, ырыскыны, тоодой бакытты каалап андан кийин Кундуз:

- Жеңе, сиздин ушул кубанычыңызга ортоктош болуп чогуу бөлүшүп, баягы миң долларды сизге белек ордуна бердим, эми бир тууганбыз, алып келгенибизден сырткары ошону айтып коёюн, - деди.

- Рахмат Кундуз, ушул убакка чейин сураган жоксуң, мен сага ыраазымын! - Айдана чечекейи чеч болуп атты бул кечте.

Ар бир адамды ар күнү дал ушундай кубаныч, шаттуу күлкү жылоолоп, өмүрүндө өкүнбөс той өткөрсө гана, аттиң.

Оомал-төкмөлү көп кең да, кем да дүйнөдө бирөө жыргап жашаса, бирөө арман менен өтөөрү ушул жашоо майданы эмеспи...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз