Айгүл ШАРШЕН


"Тагдырдын оор жазмышы"


Бүгүн адаттагыдай кол бошой калганда жолго чыгышып, экөө көпкө сүйлөшүп турушту.

- Шакир, сен окууга барасыңбы? - деди Мунара жылаажындай назик үнү менен, үнүндө назиктик, уяңдык бар эле.

- Жок, окууга барбайм го, балким аскерге кетээрмин.

- Аскерде эки жыл болосуңбу?

- Эки жыл, балким үч жылга туш келээрмин, а сен мектепти бүткөндөн кийин окуйсуңбу? - деди жигит кыздын колунан кармай.

- Ооба, окууга тапшырам.

- Окуп калсаң мен аскерде болом, кат жазып тур, ээ?

- Жазам, өзүң унутуп калбасаң болду, - деди Мунара наздана.

- Кантип, мен сени унутканым өзүмдү унутканым.

- Чынбы, мени унутпайсыңбы? - Кыздын көздөрү жайнап, үнүндө чоң кубаныч байкалат.

- Эч качан, сен башканы таап алып, таштап кетпе мени.

- Эми эле аскерге кетип жаткандай айтасың да?

- Күздө кетем да, - деди Шакирдин. Бул кезде экөө тең келечеги кудайдын маңдайга жазганындай болоорун сезүүгө жаштык кылды, ата-эненин камкордугунда эч нерседен капарсыз чоңойгон балдар эмнени оюна алмак эле.

- Ошончолук эрте кетесиңби, Шакир?

- Ооба, эгер күздө кетпесем, анда жазда кетем.

- Тез барып келгениң деле жакшы, мен мектепти бүткөндө келип каласың да, - деди Мунара жылмайып.


- Мен дагы ошентип ойлоп жатам, кечиксем сени бирөө ала качып кетеби деп корком.

- Кантип эле, ала качса эле кете бермек белем, кой, атам келатат, мен кеттим, - деп Мунара үйүнө жүгүрүп кирип баратканда Шакирдин:

- Кечинде ышкырганда чыгасыңбы? - деп сурады.

- Ооба, - деп колун көтөргөн кыз короого кирип кетти. Шакирдиндин атасы Жоробек совхоздо пахта өстүрүп эмгектенчү, апасы Адалат үйдө, балдарын багып, тиричилик менен убара. Эң улуусу Шакирдин, кичинекей экөөнөн башкасы да мектепте окушат. Үйгө киргенде Жоробек:

- Уулум, окуюн деген оюң барбы? - деди.

- Жок, ата, аскерден кийин окуйм, бир милдеттен кутулуп, анан окуйм, - деди Шакирдин, жүрөгүндө оту бар, жаңыдан кыл муруту кылайып келе жаткан жаш жигиттин эч нерседен кайра тартаар түрү жок эле. Ошол күнү күүгүм талаш ал Мунараны ышкырып чакырып алды.

- Атамдар билип калса эмне болот? - деди кыз таарына.

- Билсе эмне экен, биздин бири-бирибизди жакшы көрөөрүбүздү билишет го, каршы болбойт чыгаар. - Жылмая карап, кызды кучагына аяр кысты. - Мунара, сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, сени сүйөм, бирок сен ойлогондой атамдар макул болоор бекен? - деди кыз ойлуу.

- Болот, биз бири-бирибизди сүйүп турсак каршы болбойт.

- Билбейм, Шакир…

- Коркпо, биз эч качан бөлүнбөйбүз, - деп Шакирдин кызды имере тартып аста чочубагандай кучактады. - Сен мени сүйсөң эле болду, баары жайында болот, күзгө чейин мен иштейм, аскерге сурансам дагы күздө кетишим керек, сен онунчуну бүтүп жатканда келип калууга аракет кылам.

- Сени канча жыл болсо да күтөм, - деген кыз жигиттин төшүнө башын жөлөп мемиреди. - Сен аскерден кат жазып турасың, ээ?

- Албетте жазам, колумдан келсе күндө жазам, Мунара.

- Күндө эмес, бир айда бирден кат жазсаң эки жылда жыйырма төрт жолу жазат экенсиң, - деди кыз күлө карап, а мен каттарыңдын баарын катып жүрө берем.

- Чын элеби?

- Ооба.

- Алтыным десе, негедир мен сени күн сайын күчөп сүйүп баратам да, сен да мени мен сүйгөндөй сүйөсүңбү, Мунара?

- Ооба, мен сени саат сайын, ал тургай мүнөт сайын көргүм келип, бөлүнсөк эле кайра көргүм келет. - Кыз уяла жер карады, кеч күүгүмдө кучакташып турган кыз-жигитти ары жактан келе жаткан караан эки жакка бөлдү, ал дабыш кыла жөтөлүмүш болуп өтүп кетти. Ким экени билинбесе да алардын бирге турушу абдан ыңгайсыз эле, Шакирдин кызды ойлоду, бетине чиркөө кылып сөзгө калтыргысы келбеди. Эки жаш сыпаа коштошуп үй-үйүнө кетти. Шакирдин үйүнө келсе ата-энеси, баары болуп кечки тамакка отурушкан экен, тамак ичилип бүтө жаздаганда Жоробек сөз баштады:

- Балам, сен Мунара менен сүйлөшүп жүрөсүңбү?

- Ким айтты? - Оозундагы ашты бүркүп ийе жаздады Шакирдин.

- Билбейт деп жүрөсүңбү, көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа деген сөз бар. Ушу жерде туруп келесоо эле киши байкабай калбаса, баскан изиңден билем, сак бол, Рашид менен жоолашып жүрбөйүн.

- Жоолашпайсыңар, куда болуп калсаңарчы? - деди Шакирдин кылтыя карап, атасынан эмне деген сөз чыгаар экен деп күтүп калды.

- Ата-аңдын ооз-зугурайын десе, айтып жатканын кара, - деп Жоробек ачуусу келип калды эле аялы Адалат:

- Рашид Шакирден өйдө күйөөгө бермек беле кызын, куда болсок жаманбы, кыз жактырбай турган жигитпи менин уулум, - деп Шакирдинди көтөрө чалып койду. Уулу ага эрдемсий түштү.

- Ошону айтсаң, атам жөн эле сүйлөй берет, - деп култуңдап койду.

- Ата-аңдын ооз-зугурайын десе, Рашиддин кызы эшиктен кирип алса энең экөөңөрдү тең башкарып алат, анын алдында мышык болуп каласыңар. Жанагы апасы эки билегин түрүнүп келгенде эмне болоор экенсиңер, тили аргамжыдай узун дейт анын.

- Жаш кезде боло берет да, келин болгондон кийин жоошуйт, - деген Адалат жөн гана жылмая баласы тараптык болгонун билгизди.

- Ата, Мунара андай эмес, - деп Шакирдин бурк эте чыгып кетти.

- Болуптур көрөөрбүз.

- Аскерге барып келгиче кагылат да, азыр экөө тең бала, жакшы коңшу болуп бирге чоңойгонго сүйлөшө берет да, - деп койду Адалат. Муну сырттан тыңшап турган Шакирдин угуп алып: "Мен өз оюмдан кайтпайм, сөзсүз Мунарага гана үйлөнөм, ошондо көрөсүңөр", - деп ойлуу короого чыкты. Ошондон баштап ата-энесинин Мунараны жактырбасын билип: "Мунаранын ата-энеси да ушинтип жаткан го, анда биз качып кетип болсо да үйлөнөбүз, анан көрүп алышсын, биз бири-бирибизди кандай сүйөөрүбүздү билип алышсын, мен эч качан пикиримди өзгөртпөйм", - деп короо ичинде басып жүрдү. Жүрөгүндөгү жалындаган сезимин бүт бойдон ээлеп алган үмүтү өчүп бараткандай сезип: "Эртең Мунарага ачык сүйлөшөмүн, эгерде ал дагы мени сүйсө анда пикиримди өзгөртпөйм да аскерден эртерээк барып, анан эрте келүүгө аракет кылышым керек", - деген чечимге келип атасына таарынып жатып алды. Бирок аларды ата-энелери эмес күтүлбөгөн оор тагдыр гана бөлүп койорун ал сезген жок. Жүрөгү өрттөй жанып турган жигит эч нерседен кайтмак эмес. Мунара дагы ошондой эле акыбалда, ал Шакирдинди баса-турса башка кыздардан кызгана берет, жолукпай эле калса башка кызды сүйүп кетип калчудай болуп анын үйү тарапты жал-жал караганы караган. Качан гана жигиттин калбаат карааны көрүнүп, өзүн карай келе жатканда эч ким жокпу дегендей эки жагына элеңдей карап, жүрөгү элеп-желеп болуп туруп: "Ал мени сүйөт, башканы карабайт, мени гана сүйөт, мен дагы аны жанымдан артык көрөм", - дегиче жанына жете келген Шакирдин:

- Сулуу кыз, кимди күтүп жатасыз? - деп колдон алат.

- Сени, - деп кыз бырс күлө оозун басты.

- Ыраспы? - Шакирдин эңкейе шыбырады. - Мени сүйөсүңбү, сулуу?

- Ооба-а, - деп кыз дагы жылмая шыбырады. Ошентип чаламандын чак түшүндө эки ашыктын жоодураган каректери бири-бирине кубанычтуу кадалып, бул дүйнөдө экөө гана бар сыяктуу, элдин ушагы, жаман сөзү алар үчүн ойго келбес иш эле.

- Атаңдар эч нерсе билбейби, Мунара?

- Билбейм, азырынча билбейт го…

- Эгер билсе каршы болот дебедиң беле?

- Ошондой болушу мүмкүн, атамдын мени берем дегени бар экен, кечээ апама айтып жатканын угуп калдым.

- Эмне дедиң, сени башкага күйөөгө берет бекен? - Шакирдин аны эңгирей карады. - А сен эмне дедиң?

- Мага эчтеке айткан жок.

- Айтса макул болосуңбу?

- Жок.

- Сен чын айтасыңбы, мени сүйөөрүңдү айтасыңбы?

- Кантип?

- Ушинтип эле, эгер айтпасаң мен аскерде жүргөндө берип ийсечи?

- Бербейт. - Кыз таза булактын үнүндөй шыңгыр күлкүсү менен жигиттин көңүлүн ачып жиберди.

- Чын элеби, мен келгиче күтөсүңбү?

- Албетте күтөм, мага башканын кереги жок!

- Алтын кыз десе, секелегим менин, мен сени жоготуп ийсем кандай болоорумду билбейм, коркуп кетем, Мунара.

- Коркпой эле кой, мен жоголбойм, а сен өзүң аскерден башка кыз таап албайсыңбы? - Кыз жигитти кылыя карады.

- Эч качан, мага сенден башканын кереги да жок.

- Ишендим, мага жигит менен сүйлөшүүгө али эрте дейт апам.

- Эмне үчүн антти, сенин ким менен сүйлөшкөнүңдү көрдү эле?

- Сени менен турганымды көрүп калыптыр.

- Анан дагы эмне деди?

- Ошентип гана айтты, башка эч нерсе деген жок.

- Анда каршы болбойт экен да? - деп Шакирдин кызды кубана карады. - Эгерде каршы болсо жолобо демек, чынбы?

- Биз бирге ойноп чоңойгонбуз, Шакир, ошондуктан алар биздин ортобузда мамиле барын билбейт, - деп экөө көпкө сүйлөшүп тура берди. Сүйлөшкөн сөздөрү деле азырынча баланын оюнундай көрүнөөр бирөөлөргө, бирок Шакирдин чын дили менен сүйдү, ал үчүн баарына кайыл болчу. Экөөнүн жол боюнда сүйлөшүп турганын көрүп Мунаранын апасы Шахназ:

- Керээлден кечке тура бересиңер, эмне сөзүңөр бар ыя? Бала кезиңде кыздай болуп кыздар менен достошпой, балдар менен ойночу элең, дагы эле эркек бала менен турасың да, кир үйгө, көргөн киши эмне дейт, башкача ойлоп калышат го. Экинчи минтип көчөдө турбагыла, уят! - деп Мураны үйгө киргизип кетти. Шакирдин өзүн дале жаш баладай ойлогонуна ызасы келип, боз ала болуп үйүнө кайтты. Бирок эл жаткандан кийин ашыгын ышкырып чакырды эле ал акырын келип:

- Эмнеге келдиң, атамдар мени экинчи сага жолукпа деп урушту, тез кирбесем болбойт, сен капа болбой бар, - деди шыбырай.

- Эмнеге жолукпа дейт?

- Чоңойдуң, балдар менен турганың уят дешет.

- Анан жолукпайбызбы? - Шакирдин үмүтү өчө аргасыз сурады.

- Ооба, билип калса сага да, мага да жаман болот.

- Эч кимден коркпойм, керек болсо сени сүйөөрүмдү ачык айтам, - деди Шакирдин эрдемсине. - Эмнеге тыюу салышат экен?

- Сен чыдай тур, азыр айткан менен көрүнбөй жолугабыз, мен мектепти бүткөнчө сен сөзсүз аскерден келип калышың керек, болбосо булар мени берип жиберишет окшойт, экөөбүздү түшүнүп да койбойт.

- Ким экен ал?

- Мен билбейм, бирок ал жалгыз бала имиш, бай деп берилип алышыптыр…

- Эмне бизде жок бекен, биздин деле мал көп, жакшы эле турабыз го?

- Сени күйөө бала кылуу атамдын оюнда да жок, Шакир, азырынча эч нерсе билгизбей койо турушубуз керек, мен али мектепти бүтө элекмин, азырынча күйөөгө беришпейт. Үйүңө бар эми, атам билип калса өлтүрөт, - деп кыз шыбырай артка кайрылып жөнөгөндө Шакирдин кызды колдон ала өзүнө тартып өөп койду да, жүгүрүп жөнөдү. Кыз алаканы менен жаагын баса жылмайып туруп калды, анан эки бети кызара үйүнө кирип баратканда Шахназ:

- Караңгыда эмне кылып жүрөсүң? - деди алдынан чыгып.

- Дааратканага бардым.

- Жата бер, - деп койду Шахназ андан күмөнү жок. Мунара:

- Макул, - деп коюп, бөлмөсүнө кирип жатып калды. Апасы Мунараны али бала бойдон деп ойлойт, жигит менен сөз байлашып жүргөнү оюна да келчүдөй эмес. Мунара кирип жатып алып ар кайсыны ойлонот, кадимки бойго жеткен кыздар сымал элестетет өзүн. Ошол убакта атасынын:

- Бу кызың чоңойо баштаган го? - деген сөзүн кулагы чалды.

- Эмне болуп кетти? - Шахназ түшүнө бербей сурады.

- Кызың жанагы Жоробектин баласы менен жолдо турганын токтотсун.

- Андан эмне болмок эле, алар бала кезинен ээрчишип чоңойгон.

- Эми алар чоңойду, Шахназ, кандай ойлонбойсуң, көргөндөр кеп кылат, сен бирдемени ойлончу, кокус куда түшчүлөр угуп калышса баш тартып жүрбөсүн? - деп жинденип жаты атасы.

- Бала неме басат турат, баш тартса кызыма эр чыкпай калмак беле, келбесе келбей койсун, кызым али жаш, мектепти бүтө элек, пешенесине жазганын көрөт да, жабыштырмак белек аларга, кызымды ала гөр деп, - Шахназ жинденип койо берди.

- Аттуу-баштуу, барктуу адамдарга бүлөө болсо дегеним да, кызыңды көп эле жолго чыгарба, элдин сырын билесиң, ушак кылып жиберет.

- Болуптур, чыкпаса чыкпайт, бирок, атасы, сен унутпашың керек, Мунара али жаш, теңтуш курбу күтүшү керек, ата-эненин төрүндө тайтаңдап албаса кызым, күйөөгө тийгенде кандай болоорун билебиз, - деген Шахназ өзүнчө ойлонуп ары басып кетти.

- Кызыңды өтө эркелетип жибердиң, кыз баланы өз ою менен болбой катуурак кармаш керек, - деп Рашид кобурана отуруп калды. Мунара алардын сөзүн угуп алып: "Эмнеге мени үйгө камагысы келип жатат, Шакирдинди кабыл албайт экен да, эмнеси жаман, кыздарды артынан ээрчиткен келбеттүү жигит, ата-энеси деле бардар турушат, анын эмнеси жаман, жакшы кишилер, аларга эмне көңүлү келбейт?" - деп ойлонуп жатып уктап калды.

Эртең менен турса күн көтөрүлүп калыптыр, кериле көпкө жатты да туруп жуунду. Чай иччү бөлмөдө апасы эле отуруптур.

- Турдуңбу, кызым?

- Ооба, апа, уктап калыптырмын.

- Уктап ал, окуу башталса эрте турасың, чай ич.

- Тамак барбы, апа, - деп Мунара идиштерди карап жатты.

- Казанда тамак турат.

- Оо, бар тура, эти көп экен, - деп кудуңдаган кыз казанды отко коюп, өзүнө ченеп чакан дасторкон жайды. - Апа, атамдын айтканын уктум.

- Эмне деп?..

- Атам эмнеге ачууланат, Шакирдиндин ата-энеси деле бардар жакшы адамдар го? - деп байоо көз караш менен карап калды.

- Сен эмне деп жатасың, кызым, сен мындай чечим чыгарганга али жаштык кыласың, экөөңөр тең жашсыңар.

- Биз бой жеттик, апа.

- Байкап сүйлө, атаң угуп калса ачууланат.

- Өзүң айтчу элең го, апа, кыздар он алтыга чыкканда кара далы болуп калат, он үч, он төртүндө илгеркилер күйөөгө тийчү деп, а мен болсо он алтыдамын, - деди Мунара тамагын ичип жатып.

- Сен эмне Шакирдинге күйөөгө чыкмаксыңбы? - Шахназ кызын сынай карап күлүп калды.

- Эмне экен, апа, канча кыздар ага ашык, бирок ал мени тандады, ал аскерден келгиче мен мектепти бүтөм, - деди Мунара апасынын оюн билгиси келип. - Эмне, менин өз тагдырымды чечүүгө акым жокпу?

- Ой кыз, сен эмне деп былжырап жатасың, атаң сени ага бере койбойт, аны унут да өз ишиңди кыл. Сенин экинчи Шакирдин менен турганыңды көрбөйүн, уктуңбу? - Шахназдын ачуусу келе түштү, бирок кайра жоошуй сүйлөдү. - Алар жакшы кишилер экенин билем, кызым, ооба, Шакирдин дагы жакшы жигит, бирок атаңдын аны жаман көрөт…

- Эмнеге, эмнеге жаман көрөт? - Мунара ыйлап ийе жаздады.

- Азыр атаң келип калат, сөзүңдү токтот да жумушуңду жаса, чоңоюп калдым дейсиң, чоңойгон кыз үй ишин жакшылап билүүгө тийиш, андай болсо чоңойгон кыздардай болуп баарын үйрөнбөйсүңбү!

- Баарын эле билем.

- Билсең уктап жата бербей эрте тур да.

- Уйкум канганда турам да, апа.

- Көрөбүз, уйкудан калдым деп ыйлап жүрбө, - деп Шахназ кызын карап күлүп койду. - Күйөөнү ойлой турган курагың келе элек, кызым.

- Баары бир мага Шакирдин менен жолукканга тыюу сала албайсыңар, бир аз сүйлөшүп тургандан эмне болмок эле? - Мунара тултуңдап чыгып баратып босогодон атасы менен сүзүшүп кала жаздады. Саамга тиктеше туруп калып, анан жол бошото чыгып кетти. Рашид аялын акырая карады:

- Кызыңа бирдеме дедиң беле?

- Эмне демек элем, үй жумушун жасап үйрөн десем тултуңдап кетти.

- Өзүң жаман үйрөттүң да.

- Жаман үйрөткөндө чектен чыккан жери жок го?

- Ошентсе да эненин тарбиясы күчтүү болушу керек.

- Деги кулак-мээмди жемек болдуң, башка балдарым мындай эмес эле, же алар жөнүндө ойлонгон эмеспизби?

- Эми алар өз-өз жолдорун таап кетишти, сен аларды үйрөткөн жоксуң, өздөрүнүн идиреги бар эле да, - деп Рашид компоюп койду. - Үчөө тең өзүмдү тарткан, бу кыз сени тартыптыр.

- Жакшысы сени тарткан, жаманы мени тарткан болдубу эми? - деп күлгөн болду Шахназ.

- Атаң сени көп эркелетип коюп өзүм тарбияладым эле, - деп Рашид каткырып калды. - Эми көп сөздү коюп себин даярдай бер, эки жыл эмеле өтүп кетет. Жасайт элем деп жүрбөй, мектепти бүтөөрү менен беребиз, өзүңдүн төркүнүңүн салтына караба, кыргыздын салты менен беребиз, - деп күлдү Рашид. Шахназ өзбек кызы болчу. Рашид экөө бири-бирин сүйүп калып үйлөнүп жашагандарына отуз жыл болду, эки кыз, эки уулу бар, бир уулун үйлөнтүп, бир кызын күйөөгө берген. Экинчи уулу Оштогу университетте окуйт. Эң кичүүсү Мунара. Өздөрү эркелетип койгон, анча деле эрке эмес дечи, бирок айтканынан кайтпаган көктүгү бар, бетке чабар мүнөзүн кээде өзү да жаман көрүп кетет.

- Менин салтым да жаман эмес, эгерде эркек болуп сага үйлөнсөм өз салтымды колдоноор элем, аялмын да сенин эле салтың менен болсун, Самараны деле ошенттик го?

- Ошондо эсиңдеби, өз салтыңды кылам деп талашканың.

- Дагы ошентет деп алдын ала эскерткениңби?

- Ооба, күн мурунтан чечип алганыбыз жакшы эмеспи.

- Жарайт, түшүндүм, - деп Шахназ күлүп калды.

- Эртең маталарды алганы шаарга барып кел.

- Эмдиги жылы барам.

- Эмне? - Рашид аялын олурая карады.

- Шашканда эмне?

- Шашылыш керек, кызымдын себин бергендей берем, кыскасы ал бай болсо мен дагы баймын, көзгө көрүнө турган болсун.

- Койсоңчу, кызың ошол балага ыйлап барса бактылуу болот деп ойлойсуңбу?

- Болот, дароо шаарга бөлөбүз деп жатат, баласы чоң окууда окуйт экен, керек болсо Мунараны дагы окутуп койобуз, биз андан кем калат белек? - деп Рашиддин өзүнчө эле керсейгени аялына дагы жаккан жок, унчукпай карап отурду. - Алардын шаарда төрт үйү бар экен, окуган баласы, биздин күйөө бала өзүнчө турат дейт, биердеги үйүн болсо билесиң, заңгырата салган.

- Билем, бирок кызың алардын үйүнө тийбейт да?

- Жинди катын десе, жашоо үчүн барчылык керек, Шахназ, бир темтейген эчтекеси жок бирөөгө тийсе кантип жашайт ыя?

- Маңдайга жазганын көрөт да, атасы, биз канчалык тызылдаган менен кудай өзү билет, кудайдын айтканынан сырткары эчтеке кыла албайсың. Азырынча Мунара жаш, эки жылдын ичинде эмне деген гана күндөр бар, ошондуктан ашыкпа, атасы, - деп Шахназ күйөөсүнүн бул аракетин жактырбаса да жумшак сүйлөп тим болду. Рашид андан кийин өз ойлору менен алаксып көпкө унчукпай отурду. Анан бул үйдө кожоюн мен, акыркы чечимди мен чыгарам дегендей өз сөзүн бышыктады:

- Ээ байбиче, сен эмнени билмек элең, ошондо да ата-эне баланын кийинки өмүрүнө кайдыгер карабашы керек, кыскасы, эртелеп сеп даярдай бер.

- Болуптур, болгонун даярдай берем, анан чоңун кийин эле ала койобуз, - деп Шахназ тажагандай сыртка чыгып кетти. Антпесе эри кечке чейин сүйлөй берип кулак кужурун алчудай. Эне эмеспи, Рашиддин айтканын, кызынын сөзүн улам ойлоно берди. Кокус Мунаранын Шакирдинди жакшы көрөөрүн билсе Рашид сөгүнүп-сөздөп Жоробектин үйүн көздөй жөнөөрү белгилүү эле. Рашид менен Жоробектин өчү бардай бири-бирин көргөн жерде кыжынып калмайынын себебин эч ким билбейт, бирок Шахназ чет жакасын угуп калган эле. Жаш кезинде Жоробек Рашиддин бир тууган карындашы Мускал менен сүйлөшүп жүргөн имиш. Анан Рашид Жоробек экөө уруша кетет.

- Сен менин карындашымды жайына кой, мен аны сага баары бир бербейм! - дейт Рашид жини келе мушташуудан да кайра тартпачудай.

- Мен Мускалды сүйөм, сен каршы боло албайсың! - Жоробек да өзүнө ишенген, көздөгөнүнөн кайтпаган курч жигит эле. Рашид менен көкүрөк тиреше калат.

- Сүйүүбү, ха-ха, сен менин карындашыма тең эмессиң!

- Өкүнүп калба, карындашың күйөөсүз өтөт!

- Сенден жакшы күйөөгө берем, сен аны азгырып жатасың, экинчи жанына жолобо! - деп муштумун кезейт Рашид. - Дагы бир жолу көрсөм бутуңду сындырам.

- Өзүңдүкү сынып калбасын?

- Сени төкөр кылып таштайм!

- А мен сени бычып таштайм! - деп экөө жакалаша кетет.

- Сага бергенче төрүмдө отурганы жакшы!

- Кемпир болгондо сени каргап өлтүрөт, сен анын бактысын байлап жатасың, жүрү сурап көрөбүз, эгерде ал мени сүйбөсө басып барбайм! - деп Жоробек Рашидди сүйрөп жөнөйт. Ошондо аларды коңшу чал көрүп калып ажыратат. Рашид үйүнө келип карындашын Жоробек менен жолукпайсың деп урушат. Мускал менен Жоробек кат аркылуу сүйлөшөт, кыз агасынын айтканынан чыга албасын түшүндүрөт. Ачуусу менен Жоробек ушул Адалатты алып качып алат, анын үйлөнгөнүн уккан Мускал эчтеке ичпей ыйлап жатып алат, ата-энеси Рашидди урушуп, Мускалдын асты-үстүнө түшүп жалдыраса да болбойт. Акыры Рашид өзүнүн досторунун бири жактырып жүргөнүн билип, ага бермек болот да ала качтырып кетет. Мускал аны менен эки ай гана жашап баса берет. Ошол бойдон күйөөгө тийбей жүрүп, кийин оорудан каза болгон. Рашид ичинен өкүнөт, бирок сыртына чыгарбайт. Жоробек жыйырма беш жылдан бери Адалат менен жашап, эки кыз, үч уулду болду, ынтымактуу жашап келе жатышат. Ушуларды ойлонуп алган Шахназ: "Бири-бирин жактырса каршы болуп эмне, кудай кошкон куда болот дегендей аргабыз жок да, кайда барат элең, Рашид, Жоробекти жактырбасаң дагы кызың үчүн аргасыз көнөсүң", - деп ойлонуп алды. Өзү курдуу коңшусу Гүлжамила келип, аны ойлорунан алаксытып жиберди.

- Кандайсың, ай? Үйдөн эле чыкпайсың, деги эмне кылып жатасың?

- Көр тирилик да кел, курдаш.

- Келдим, зериккенимден эле басып келе калдым, кол бош, балдар менин колумду ишке тийгизбейт, керээлден кечке батийпан угам, радио угам, анан сага бастым эле.

- Келгениң жакшы болбодубу, ансыз да жүрөк оорулуу болуп турган кезде, - деп, Шахназ экөө үйгө ээрчишип киришти. Көпкө сүйлөшүп отурушкан соң Гүлжамила:

- Мунаранын кайсы окууга окугусу келет? - деп сурады.

- Ал врач болом деп жүрөт, буйруса окуусун бүтсө барат го.

- Баса Элнура айтып жатат, Мунара менен Шакирдин сүйлөшөт дейби? - Гүлжамила билмексен боло сүйлөдү.

- Ким билет, азыр жаш да, анын үстүнө капырай Элнура болуп эле бирге чоңоюшту го, анын эмнеси бар, катар туруп койсо эле сөз кыла бергениңер болбойт да.

- Ой, мен айтып жүрүптүрмүнбү, бир кишинин кулагы керең, көзү көр дегендей сени билбей калып кийин аттиң дебесин деп жатам да, - деп Гүлжамила куйтуңдай жасакерлене калды. - Анан дагы Рашид менен Жоробектин сөөк өт өчү бар деп да уктум, элдин оозун кантип тыймак элең, Мунарага өзүң түшүндүрүп айтып кой.

- Кайдагыны айта беришет да…

- Сен анткениң менен өзөгү тереңде тура, Шахназ, мен сени өз деп айтып отурам, шыбың-күбүң кептерди угуп алып.

- Мунара менен Шакирдиндин мамилеси терең деп ойлобойм, кичинесинен жетелешип ойноп көнгөн, бири-бири менен жөн гана коңшу катары ойносо да болбойбу? - Шахназ саал жактыра бербей калганын билгизе сөз бүттү дегендей ордунан турду эле Гүлжамила дагы ыңгайсыздана туруп, эшикке чыгышты.

- Макул, мен эл айтканды айттым, айткан ушакчы эмес, айтып келген ушакчы болдум окшойт, - деп актана короодон чыкты.

- Айтса айтып калаар, акылга толуп бой жетет, анан өзү эле андан алыстап калат, - деген Шахназ аны узата карап турду. "Пендем ай, бирөөнүн гана кемчилигин, жамандык жагын издеп турмай, деги мындайлардын башка кылаар иши жокпу", - деп ойлонуп үйүн көздөй басып келе жатып Мунарынын кагаз кармап турганын көрүп жанына келди:

- Мунара, эмне кылып жатасың?

- Ыя?! - Мунара чочуп кетип, колундагысын артына ката калды.

- Эмне кылып жатасың дейм, келе алдагыны.

- Эмне кыласың, апа, бул ыр эле, жаттап жатам, - деп Мунара үйгө жүгүрмөк болгондо Шахназ:

- Токто, сен эмне ыр жаттагыдай ырчы болгуң келеби? - деди эле:

- Ооба, ырчы болом, - деп кирип кетти кызы. Шахназ анын артынан кирди. Мунара шашкалактап катты бекитээр жер таппай калдастап аткан. Бир кезде текчедеги жыйылган китептердин эң алдыңкысына салып ийип, күзгүгө каранып отуруп калды.

- Кызым, - деди Шахназ бөлмөгө башбагып, - сен бизди кепке калтырасың го бул кебетең менен, - деп келип, жанына отурду. "Жаш эмеспи, айтсам түшүнүп калаар, чындыкты айтып суутуп койойун, атасы өлүп баратса да айтпайт, мунун аны жактыраарын билбесин кокуй", - деп ойлоду да, укканын айтып берди. Мунара кулак төшөй тунжурап отурду. Анан бир маалда:

- Атам Мускал эжеме каршылык кылса мага кыла албайт, апа, али убакыт бар эмеспи, азыр коркпой эле коюңуз, ал аскерден келсе эле мен аны менен качып да болсо кетемин! - десе болобу.

- Ой кыз, от менен ойнобо, атаңдын кыял-жоругун билесиңби, эркек дегенине жетет, кыз балага кыйын, эмитен аны унут да окууңа көңүл бур, - деп эле кызын жакшы айтып, алдап-соолап көндүрмөк болду оюнда, өткөөл мезгилде жаштар кызуу кандуу болот эмеспи, ошондуктан катуу айткысы келбеди. - Сен окуп адам болушуң керек, билим алгандан кийин деле жакшы жигитке жолугасың, кызым.

- Болуптур, мындан ары бул темада сүйлөшпөй эле койолучу, апа, - деп, тултуңдаган Мунара өз бөлмөсүнө кирип кетти. Шахназ ойлуу шалдая отуруп калды. "Караан калгырдыкы, баланы төрөйсүң, кыял-жоругун кошо төрөйсүң деген чын тура. Атасынын эле кыялы, өз беттегенинен кайра тартпайт, Рашидге жетпесе экен", - деп улутунуп алды да, өз жумушуна киришти. Мунара жатып алып: "Кызык, эми кантем, Шакирге айтсам бекен, балким ал билээр. Билсе да мен сыяктуу эле өз сүйүүсүнөн баш тарткысы келбей жаткан болсо керек, алардын сүйүүсү менен биздин ишибиз эмне. Өткөн үчүн биздин бактыбызды байлаганга кандай акылары бар, эски кек үчүн биз өзүбүздүн сүйүүбүздү курмандыкка чала албайбыз. Мен Шакирди чын жүрөгүм менен сүйөм, андан ажырай албайм", - деп ыйлап жатып эмелеги Шакирдин берген катты алып кайрадан окуй баштады. "Мунара, кандайсың, ден-соолуктар жакшыбы? Мен сенсиз жаман болуп кеттим, эмнеге жолукканга тыюу салышат? Мен сени сүйөм, Мунара! Эч качан баш тарта албайм, сен менин жашоомдогу агып турган дайрасың, жүрөгүмдү гүлгө толтурган шаңымсың, тамырымда жүрүп жаткан канымсың! Менин жашоом сага гана байланыштуу, сени бир күн көрбөй калсам суу жетпей калган чырпык сымал куурап калышым мүмкүн. Бизди бөлүүгө эч кимдин акысы жок, кичинекейим, сен менин бакты-таалайымсың. Азыр баары эрте, мен сени көрбөй калсам да чыдайм, сен капаланба, окууңа көңүл бур, эки жыл эмеле өтүп кетет, анан биз эч кимдин каршылыгына моюн бербейбиз. Унутпа, Мунара, менин сени жанымдай жакшы көрөөрүмдү, жүрөгүм менен сүйөөрүмдү унутпа! - деп сенин сүйгөнүң Шакирдин 1986-жыл 17.08", - деп коюптур. "Мен сени эч качан унутпайм, Шакир, жүрөгүм токтоп калмайынча сени гана сүйөм, сенсиз мага жарык күн да караңгы", - деп катты көкүрөгүнө басып, чалкасынан түшүп кыялданды. Ошондон бир жума өтпөй эле алардын үйүнө бир жигит келди, аны ата-энеси кубанычтуу тосуп алып, коноктоп эле жатып калышты. Аты Гүлжигит экен. Көрсө, ата-энелери кыз менен көрүшүп, бири-бирин таанып, көнүгө берсин деп кеңешип, атайын жөнөткөн экен. Келген күнү анчалык деле бири-бирине маани бербей көнүмүш күндөгүсүндөй жүрдү Мунара, эртеси башталды баары. Мунара бөлмөсүндө отурса акырын башбагып:

- Уруксатпы, Мунара? - деди кирбей эле босогодон.

- Уруксатты коюп эмне жумушуң бар, ошону айтчы? - деди Мунара аны жактыра бербей.

- Зериккен жоксуңбу?

- Зериккендей бекерчи эмесмин.

- Бирге отурбайлыбы?

- Отурганда эмне, чалкандын уусуна чыдайсыңбы?

- Сен чалканга окшобойсуң, гүлдүн да чакканы болобу?

- Тикени бар гүл болот.

- Сен андай көрүнбөйсүң.

- Байкабай уу ичип алгандардан болбо.

- Кудай сактасын.

- Качкан да, кууган да кудай дейт.

- Чынында тилиңде тикен бар го?

- Байкап жүр дебедимби.

- Балким сен дагы мени сүйүп калаарсың?

- Кайдагы сөздү сүйлөйсүң? - Мунара аны жек көрө карады. - Конок болсоң конок катары болбойсуңбу?

- Коноктун көңүлүн көтөрүү сиздин милдетиңиз го дейм? - Гүлжигит жылмая карап, акырын басып жанына келди. - Сизди конокко ушундай мамиле кылууга үйрөткөнбү?

- Менсиз көңүл көтөрүүңө эмне тоскоолдук кылып жатат?

- Менин сиз менен сүйлөшкүм келет.

- А мен сүйлөшкүм келбейт!

- Неге?

- Мен жигиттер менен сүйлөшкөндү жактырбайм!

- Дос болууга кол бериңиз, - деп жигит колун суна Мунаранын маңдайына келди. - Достошолубу?

- Мен макул эмесмин.

- Анда таанышып алалы, менин атым Гүлжигит.

- Меникин билесиң да.

- Өз оозуңуздан уккум келет.

- Менин тынчымды алып жатасың, жигиттер менен таанышып дос болууга убактым жок, анан дагы жашым жете элек.

- Ошондой болсо дагы достошконго болот эмеспи.

- Убактымды алып жатасың.

- Менин убактым да арзан эмес.

- Сиздин убакыт сатылабы?

- Ар бир адамдын ар бир мүнөтү жашоодо арзанга турбасы белгилүү, анан кымбат убакытты текке кетирүүгө болобу?

- Сиз бошсуз.

- Жипсиз байлануудай бутум шилтенбей турат, сиз бир жылмайып койсоңуз эле…

- Сүйбөгөнгө сүйкөнбө…

- Сүйкөнгөнүм жок, сүйүп калса дейм.

- Сүйүүгө али эрте.

- Жигитиңиз бар го дейм?

- Эмне? - Мунара аны элейе карады.

- Адатта жигити бар кыз башкага көңүл бурбайт.

- Кайдан билесиң?

- Көздөрүңүздөн.

- Убараланып ар кайсыны сүйлөбөй эле койгонуң оң.

- Ички оюңузду билдим.

- Окуп коймоюң барбы?

- Лупа сыяктуу көрөм.

- Оо укмуш экенсиң, анда борборго барып ачылыш кыла турган экенсиң, бул жерде алтындан кымбат убактың бекерге кетет.

- Сиздин жаныңызда болгум келет.

- А мен сени көргүм келбейт.

- Жигитиңиз башкачабы?

- Жок, жигитим жок.

- Катуу сүйөт экенсиз.

- Жокту сүйлөбөчү. - Мунара жиндене турду да, эшикке чыгып кетти. Гүлжигит унчукпай артынан эшикке чыгып келе жатып, босогого коюп койгон чаканы байкабай чалынып жыгыла жаздап токтоду. Мунара аны көрүп кыткылыктап күлүп жатты.

- Торду башкача жайгансыз го?

- Эмне? - Мунара күлгөнүн дароо токтото карап калды.

- Сиз мага мындай тор жайбаңыз, андан көрө жүрөгүмө капкан атыңыз, чоң кыз, - деп ого бетер кыздын кыжырына тие сүйлөдү.

- Чумо! - деп ары басып кетти Мунара.

- Жаны-ы, - деп койду Гүлжигит, - назыңыз жакты.

- Барчы нары! - деп Мунара кайра үйгө кирип кетти, ошол убакта дарбазасынан бир тестиер бала көрүндү.

- Мунара эжени айтып коюңузчу.

- Азыр, - деди Гүлжигит үйгө кирип баратып. - Почтальон келди, сизге кат келмек эмес беле, Мунара?

- Эмне деп жатасың? - Мунара аны жек көрө карап туруп калды. Ал узун бойлуу, ак жуумал, күлгөндө тиштери кашкая түшкөн, чачтары тармал, көздөрү анча чоң эмес, бирок күлүп тургандай көрүнгөн бул жигитти эми гана көргөндөй тикчийип калды.

- Күтүп жатат.

- Жинди! - деп эшикке чыгып сырткы эшиктен караса, чын эле Шакирдинден кат алып келчү коңшунун баласы туруптур. "Кат алып келдим деп айткан го", - деп жини келип анын жанына жетти да: - Эмне сен кат алып келдим дедиң беле? - деп акырын сурады.

- Жок, ким айтты?

- Шакир өзү үйүндөбү?

- Ооба, - деп, мурдун шуу тарткан бала катты сунду. Мунара эки жакты абайлай карап, шып эте төрт бүктөм кагазды алып артка бурулду. Гүлжигит болсо өз бөлмөсүнө өтүп бараткан кызды жылмая карап, төркү бөлмөгө кирип кетти. Мунара эшигин бекем жаап алып катты ачып окуганга шашты. "Сүйгөнүм Мунара, мен сени сагынып кеттим, бат эле эки жыл өтүп сен чоңойо түшсөң болот эле. Ошондо биз жетелешип алып асманды көкөлөп учкан кош ак куудай болуп, турмуштун ыйык жолуна эч кандай тоскоолдорго моюн бербей аттанмакпыз. Ал үчүн бири-бирибизди сүйөөрүбүздү аныктап тике, ачык айтышыбыз керек, Мунара! Сен ошого өзүңдү эки жыл бою даярда, коркпой турган бол, менин көгүчкөнүм. Сенин түбөлүк сүйүүңдүн ээси Шакирдин", - деген катты окуп бүтүп, чалкасынан оодарылды. Анан адатынча катты көкүрөгүнө аяр коюп: "Ооба, мен эмитен эле даярмын, баарын ойлонуп даяр болуп калгамын, айтканымдан кайтпайм, Шакир, сөзсүз сенин гана тарабыңда боломун, сен деп бүт өмүрүм тозокко айланса да макулмун", - деп көзүн жумуп жата берди.

Күүгүм кирип алган экен, Шахназ кирди:

- Кызым, күнү бою сыртка чыкпай не кылып жатасың?

- Уктап калыптырмын, апа.

- Тур, күүгүмдө жата бербей тамагыңды ич, Гүлжигит менен сүйлөшүп көңүлүн ачсаң боло, ал атайы ошол үчүн келген, сенин ага жакындагың да жок.

- Ошону менен сүйлөшсүн деп атам экөөңөр кетип калдыңар беле? - деп Мунара өйдө болуп отуруп апасына таарына кетти. - Кетсинчи, апа, аны көргүм келбейт.

- Антип айтканыңды атаң укса эмне дейт, силерди бири-бириңерди билип, жакшылап үйрөнүшсүн деп жатпайбы, ата-энеси дагы сени жактырып калыптыр.

- Ата-энеси мени кайдан көрүптүр?

- Сүрөтүңдү бергенбиз, жакында жайынча келип кетебиз дептир. Азыр кичине сөз болсо элдин ичине аралай чабат, ошондуктан билгизбей ич арадан кудалашмак экен. Эсиңде болсун, өзүң токтоо болууга аракеттен, уяттуу адамдарга бизди кеп кыла көрбө, оозуңдан сөз чыкпасын! - деп кайра чыгып кетти. Мунара:

- Аныңарды уккум да келбейт! - деп апасынын артынан сүйлөп кала берди. Эмне кылаарын билбей балалык назик дүйнөсү будуң-чаң болуп өзүнчө туталанып жатты. Качан гана Шахназдын үнү чыкканда тамак ичкен бөлмөгө келди, төрдө атасы менен Гүлжигит отуруптур, Мунара атасына байкатпай Гүлжигитке мурдун чүйрүй апасына жардамдашып кирди. Гүлжигит ылдый карап жылмайып алды, ал кызды жактырып калган эле. Ошол аптада Гүлжигиттин ата-энеси келип калды, Рашид аларды кой союп коноктоп бака-шака болуп жатышты. Рашид анда-санда ак суудан кылт эттирип койчу, Турар дагы анча-мынча ичип коюп экөө көпкө өздөрүнчө отурду. Шахназ менен Гүлсара өздөрүнчө конок бөлмөдө. Мунара апасынын айтканын эстеп, ата-энесин уят кылбаш үчүн гана шыпылдай жардам берип жүрдү.

Гүлжигит сыртта бир топко басып жүрүп, анан атасы отурган бөлмөгө кирди эле Турар аны далыга таптап:

- Менин уулум буйруса чоң окумуштуу болот, жакында аспирантурага тапшырды, куда кааласа, күйөө балаң Фрунзени титиретет, дос! - деп калды барпалаңдай.

- Болсун-болсун, балдардын ой тилеги ишке ашса гана биз бактылуубуз да, Туке.

- Ананчы, өмүр бою оокат жыйнабай текей терип жүрүптүрмүнбү, Гүлсара экөөбүз балдар үчүн мал артында жүрдүк да, шаардан барып үйлөрдү алып койдук. Айтчы, Рашид, ким бар шаардан кош-кош үй алган, балдары окууда жүрүп ар кимдин улагасын сагалашат, же жатаканада, а менин балдарымдын үйлөрү бар, - деп Турар бакылдап жатты.

- Ата, жөн эле мактана бересиңби? - Гүлжигит ыңгайсыздана карады.

- Эмне мен мактанып жатамбы, калп айтамбы? - деп Турар баласын ормойо карап койду. - Мен чындыкты айттым, кызым бир жетим баланы сүйчүмүн деп тийип алып жашаганга үйү жок батирде жүргөндө аларга дагы там алып бердим же калппы?

- Калп деп жатамбы, баары бир мактанганың болбойт, - деди Гүлжигит, анан туруп коридорго чыкты. Апасы менен Мунаранын апасы өздөрүнчө сүйлөшүп жатканын билип, Мунаранын бөлмөсүнө башбакты.

- Сулуу кыз, мүмкүнбү?

- Бир нерсе жоготтуңбу?

- Ошондой…

- Андай болсо милицияга бар, бул жер участковыйдын үйү эмес.

- Жок, мен ушул бөлмөгө жоготуп ийдим, - деди Гүлжигит күлүп. - Кокусунан сиз таап албадыңыз бекен?

- Чындап айтасыңбы? - Мунара суроолуу кайрылды.

- Калп айтканымды качан көрдүңүз эле?

- Эмне жоготконуңду билсем болобу?

- Жүрөгүмдү, - деп көкүрөгүн сыйпалап койду, кыз эми гана түшүнгөндөй аргасы кете күлгөн болду.

- Жүрөгүң канча ирет жоголуп кайра табылды экен?

- Өмүрүмдө бир жолу.

- Мен уктаганы жаткам, жакшы жат, - деп керебеттеги төшөктөрүн оңдоп жатмак болгондой түр көрсөттү кыз.

- Сиз кечке уктадыңыз, менимче эми уктай албай кыйналасыз.

- Уктайм эле, көздөрүм жабышып жатат, бар дейм.

- Жарайт, бирок бүгүн сиз уйку көрбөйсүз.

- Кандай болсо да бар, - деп Мунара аны көргүсү келбегенин билдирди. - Жакшы жат.

- Жакшы жатыңыз, сулуу кыз.

- Какшыгыңызга чо-оң рахмат, эшикти ары жагынан жаап кой.

- Жарайт, - деп чыгып баратып артына кайрыла: - Жакшы жатып, жакшы түш көрүңүз, - деди Гүлжигит.

- Сенден башкасын көрөйүн.

- Мени да бир көрсөңүз кызыктуу болмок.

- Барбайсыңбы?

- Түшүңүзгө кирсем арман жок.

- Көп сүйлөйт экенсиң.

- Сулуу кыздарга гана көп сүйлөйм, бирок конокко андай мамиле жасаганыңыз болбойт.

- Макул, жакшы жатыңыз.

- Жоголчу, - деп мурчуңдай Мунара керебетке жатып алып ызаланып ыйлап кирди. "Мен али күйөөгө тийе турган боло элекмин, эмнеге эле күйөө тандап жатышат деги". Ич арадан кыз калыңына акчалай таштап, эл билбесин дегенсип достуктун шааниси кылып кетишти. Гүлжигит болсо Мунараны жактырып калып тез-тез кат жазып турду, Мунара анысын окубастан тытып таштайт. Окуусу жакындап калган Шакирдин Мунарага: "Талаага чыгып келбейлиби?" - деп алакандай кат жазып жиберди. Мунара каршы болмок турсун ичинен кымыңдап шылтоо издей баштады. Анан айылдын башында жашаган классташы Сайрага барып келем деп суранмак болду. Шахназ сырттагы сөрүүдө отурган, жайдарылана өзүн көздөй келе жаткан кызын көрүп:

- Кайда жөнөдүң? - деди ички оюн биле койгондой.

- Апа, зеригип кеттим, Сайрага барып келейин.

- Анын үйү алыс го? - деди апасы уккусу келбегендей.

- Апа, барып келейин да, үйү алыс болсо эмне экен, эми эле таң атты го, кечке келип калам, - деп шынаарлай апасын кучактап өөп эркелей кетти. - Сүйлөшүп отуруп келем да.

- Макул, кызым, барсаң барып эрте кел. - Эне кызын жылмая карады.

- Бат эле келем, - деп Мунара шашыла короодон чыкты. Шакирдиндин короо жагын караса, ал күтүп туруптур. Колун өйдө шилтеп коюп, өйдө карай ылдамдай жөнөгөндө Шакирдин үстүңкү көчөгө жүгүрүп чыгып, ашыга чуркап баратты. Мунара дагы кесилиш көчөдөн үстүңкү көчөгө өттү, ал бурулуп кеткенде Шахназ короосунан чыгып карап таппай калды. "Чунак кыз, тим эле чуркап кеткен тура, зерикти да-а, мектепке баргыча көңүлү чөгүп атасынын кылыгынан кыйналып кетти, барса барып келсинчи", - деп ойлонду да, кайра кирип кетти. Шакирдин менен Мунара бири-биринен алыс кете беришти, качан айылдын четине аз калганда:

- Мүмкүнбү, сулуу кыз? - деп Шакирдин кызга жанаша түштү.

- Кандай сурооңуз бар? - деди кыз наздана аны карабай.

- Бирге бассак болоор бекен?

- Ойлонуп көрөйүн.

- Кеңдик кылсаңыз экен, сулуу, же жигитиңиз көрүп калат деп чочулайсызбы?

- Албетте, жүрөк ээси бар.

- Билсем болобу?

- Кулпулануу.

- Ачсак болоор.

- Ачкычы үйдө калыптыр.

- Махабаттан эч бир күчтүү сезим жоктур,

Сагынып саргайтты го күндүр-түндүр.

Эгерде жүрөгүңүз бош болсо мен,

Түбөлүк жар болоюн орун бер!

- Мен даярмын колун сунган жигитке,

Жүрөгүмдө сизге деген орун бар.

Каршылык жок, эгер тагдыр буйруса,

Сиздей гана бир жигитте көөнүм бар.

- Бали! - деп Шакирдин менен Мунара күлүп калды. Андан ары экөө кол кармашып тоо тарапты көздөй баратышты. Эки жаштын жүрөгүндө сүйүү жалыны алоолоп эч нерсени көзүнө илбей адырларда бири-бирин кубалашып ойноп жүрүштү. Бир кезде Шакирдин гүлкайырдын бирин үзүп, Мунаранын чачына такты. Кол кармашып ой кыялдары чабыттап, күлкүгө, оюнга, сөзгө тойбой адырдын саргая баштаган чөптөрүн аралап басып жүрүштү. Убакыттын өткөнү сезилбей, күн бешим болгонун да байкабай калышты. Кыздын жүзү албырып балалыктан алыстай элек аруу сезими менен Шакирдинди кылыя карап коюп үндөбөйт. Бир кезде Шакирдин кызды колунан ала айылды көздөй жүгүрдү.

- Мунара, кеч кирип баратат, кеттик!

- А менин кетким келген жок.

- Кел ушул жакта түнөйбүз.

- Кантип? - Кыз жигитти алая карады.

- Кетким келбейт дедиң го? - Жигит күлүп койду.

- Жай басалычы. - Мунара энтиге токтоп калды.

- Чарчадыңбы, Мунара?

- Күйүгүп кеттим, - деди кыз жүзү албырып, көкүрөгүндөгү болоор-болбос тирсийип келе жаткан кош алмасы кыз демиккен сайын өйдө-ылдый болуп, жигиттин делебесин козгойт. Шакирдин сүйгөнүн кучактап калды:

- Мунара, мен сени сүйөм!

- Мен дагы…

- Эми качан жолугабыз?

- Билбейм.

- Сен окууга барганда жолугуп турам, ээ?

- Макул. - Кыз-жигит кучакташып гана бири-биринин төшүн түрсүлдөй тепкен дабышты тыңшай көпкө турушту. - Кетели, апам издеп Сайрага барып жүрбөсүн, атам укса адегенде эле сенин үйүңө барат, - деп кыз күлүп койду.

- Анан мен да жок, Жоробек менен Рашид мушташып кирди.

- Экөө мушташканда да бойго чыккандай бири-бирин аябай өлтүрүүгө чейин бармак…

- Алардын ортосунда Адалат менен Шахназ жүрөт…

- Жардам бергиле, эл-жу-урт! - дешип экөө тең күлүп калышты.

- Андан кайра тартышпайт болуш керек! - деди Шакирдин ойлуу.

- Корком, - деди муңая түшкөн Мунара.

- Коркпо. - Жигит аны жайгара сүйлөдү. - Биз ага жеткирбейбиз. Кол кармашып келе жатып айылга кирип, үстүңкү көчө менен кетип жатышты. Күн кылкылдап уясына жакындаган сайын дүйнө жүзүндөгү жан-жаныбарлар менен эртеңкиге чейин коштошуп жаткандай кыпкызыл болуп балбылдай батып баратты, кадимки кыз менен жигиттин бөлүнүшө албай турганындай кылгырат.

- Макул эмесе, кат жазып турам, бирок сен дагы жооп жазсаң.

- Жазам.

- Кош анда көрүшкөнчө, - деп, экөө бир саамга колдорун кармашкан бойдон көздөрүн бири-биринен албай туруп, эки бөлүнүштү. Бул алардын эң акыркы жолугушуусу болорун, ушул көз ирмемдер гана түбөлүк көз алдыларында кино тасмадай калары азырынча алардын оюна түк келбеди. Тек гана келечекте бирге болууга бири-бирине купуя ант бере бурулуштан имерилгенче улам артын кылчак-кылчак карап баратып, караандары күүгүм караңгылыгына сиңип жок болду. Күүгүм киргенде чочулаган Шахназ дарбазанын оозунан кызынын кеткен жагын карап чый-пыйы чыга күтүп турган.

- Эмнеге эшикте турасың, апа? - Мунаранын маңдайында турганын көргөндө гана эс ала түштү.

- Келдиңби, мынча эмнеге кечиктиң?

- Сүйлөшүп эле отурдук.

- Эртерээк чыкпайт белең, мейли эми, - деп эне-бала ээрчише үйгө кирди. Кыз жүрөгү элеп-желеп, жүзүнүн албырганы али кайта элек. Өз бөлмөсүнө кирип кетээрде Шахназ ага кайрылды:

- Ой кыз, дасторкон жайчы, мен тамакты алып кирейин.

- Макул, апа, кийимимди алмаштырып алайын.

- Тез чык, - деп коюп Шахназ көңүлү жайлана ишине киришти.

Мунара бөлмөсүнө кирип алып бүгүнкү көз ирмемдерди тизмектей эстеп алып, өзүнчө жылмайып койду. "Мен сени гана сүйөм, Шакирдин, сенсиз өзүмдү бактылуу сезе албайм, тез эле эки жыл өтүп кетсе экен", - деп кубанычтуу кыңылдай кийимин алмаштырып, кыялы менен алпурушуп турганда апасынын үнү угулду. Дароо жүгүрүп чыкты.

- Апа, эмне кылайын?

- Атаң келгиче дасторкон жай дедим го?

- Атам кайда кетти эле?

- Кайда бармак эле, эшикте эле.

- Аа-а, - деп койду да, Мунара дасторкон жая баштады, анда-мында кыңылдап койот. Аңгыча Рашид кирип төргө жайланышты, үчөө отуруп тамактанды. Андан кийин үй ичин жыйыштырып, идиш-аягын жууп, апасына жардамдашып, анан бөлмөсүнө кирди. Ошондон кийин Шакирдин экөө бир гана жолу кат алышты, аскерге чакыруу кагазын алганда бир кат жазган. Кетээрде дагы кат жазды, анан сентябрдын онунда аскерге жөнөп кетти, кайтаруудан чыга албаган Мунара узата албады. Ошентип бири-бирин сүйгөн эки жаш эки жылдын өтүшүн ойлоп, эки жакта убайымда, эң биринчи келген катында Шакирдин Ооганга түшкөнүн жазыптыр. Муну укканда ата-энеси сары санаага бата түштү. Ооганстанга баргандардын аман кайтканы бир жеринен жаракат алып, же майып болуп кай биринин цинк табытта сөөгү келчү эле. Кыз дагы муну укканда бир саамга өзүн жоготуп, анан: "Аман келсе экен", - деп кудайдан ашыгынын амандыгын тиледи. Бир жыл болгуча жакшы эле кат жазып жатты, андан кийин үч ай кат жазбай калганда айрыкча Шакирдиндин ата-энеси убайымданып жүрдү. Үч айдан өткөндө кат келди, ал госпиталда экенин жазыптыр. Каттар Мунаранын өзүнө түз келчү эмес, Мурадин деген коңшусунун баласы аны почтодон алып, анан Мунарага апкелип берчү. Бир күнү Шакирдиндин акыркы каты келди, ал жашоодон үмүтүн үзүп, көңүлү чөккөндө Мунарага коштошуу катын жазган болчу. Анткени Ооган согушу анын жүзүндө өчпөс изин салып, өмүр бою өзүн башкадан кем туткудай кылып таштаган эле. Буга чейин дагы өзүн-өзү өлтүрүүгө бел байлаган мезгилдер болду, бир гана полктун командири Салим жылуу сөзүн айтып, жашоого үмүт бергендиктен, Шакирдин акыры туулган айылын көздөй жол тарткан. "Кыргызстаным, кайдасың, жайдары жигит элем, жүрөгүмдө өчпөс муң калды, кулунуңдун максаттары талкаланды, неге менин бешенемде өз мекенимде кызмат кылуу буйруган жок?" - деп учакта келе жатты. Катты жуп жөнөөрдө салган. Катты окуган Мунара селдейип кагаз колунан түшкөнүн сезбей, көзүнүн жашы эки бетин жууп турду. "Мунара, саламатсыңбы? Окууларың жакшыбы? Мени сурасаң ден-соолугум жакшы, болгону алты санымдын бири кемип калды. Ошондуктан өзүмдү сага тең эмесмин деп эсептейм, менин көз алдымда бакыраң көз Мунара гана калды, биздин таттуу, сөз менен айтып жеткире алгыс кыялдарыбыз калды… Мен тагдырдын мындай оор запкысын оогандар менен бетме-бет согушкан кезде сездим, пешенем ошол… ошол жакка буйруганын аргасыз кабылдадым, Мунара. Бомбадан чачыраган осколка менин жүзүмдү адам көргүс кылып кетти, ал турсун өзүмдү-өзүм жээрип кетем. Жакында үйгө барам, бирок сенин айдай жамалыңды көрө албайм, көргөндө да сенин баягыдай жаркылдап жылмайганыңдын ордуна сумсая артка чегингениңди көргүм келбейт. Андан көрө мен сенин көз алдыңда мурунку бойдон калышым үчүн жолукпай эле койсок болчудай… Аман бол, бактылуу өмүр сүр, сага бакыт каалагандан башка аргам жок. Кош бол, менин наристе ууз махабатым. Сенин балалык, тамчы суудай таза сүйүүңө ээ болуп, аз убакыт бактылуу көз ирмемдерди бирге өткөргөн Шакирдин. 1988-жыл, 12-май", - деп койгонун окуган Мунара эмне дээрин билбей калды. "Жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес, балким жөн гана тамашалап жаткандыр, же башка кыз таап алгандыр, мени өзүнөн алыстатып сууткусу келгендир. Мен сага сөзсүз жолугамын, Шакир, сенсиз жашоо мен үчүн тозокко айланаар", - деп күбүрөп тура берди. Кирип келген Шахназ анын түрүн көрүп чочуп кетти.

- Ой кызым, сага эмне болду? - деп эңкейип жерде жаткан катты алып, окуп жатканда Мунара ый аралаш:

- Мына, тилегиңер орундалды, эми мени мага десеңер сексендеги чалга бергиле, дайым даярмын! - деди да, эчкире керебетке көмкөрөсүнөн кулады. Жатып алып буулугуп-буркурап ыйлап жатты. Эне эмне кылаарын билбей жанына жай отурду.

- Кызым, сен мынчалык капаланба, жаман болгон экен, бирок сен баары бир ага бармак эмессиң. Эстүү бала эмеспи, анчалык болбосо дагы сенин үмүтүңдү улагандан уялгандыр, каршы чыгаарыбызды түшүнгөндүр. Андан көрө өзүңдү карма да кийимиңди кийип жасанып отур, Гүлжигиттер келет.

- Гүлжигитиңдин мага кереги жок!

- Антпе, кызым, атаң сенин бул түрүңдү көрбөсүн, конок күтүүгө даярданышыбыз керек, - деп апасы чыгып баратканда Мунара:

- Эмнеге эле ошону жабыштырып калдыңар? - деп жаны ачый кыйкырды. Гүлжигиттер келген маалда Мунара ыйлаган бойдон жатып уктап калган, түш көрүп жатты. Түшүндө Шакирдин экөө кол кармашып бир жакка кетип баратат, бир кезде жалт карай берсе жанындагы Шакирдин эмес эле Гүлжигит экен. "Сен каяктан келе калдың эле, Шакир кана, эмеле биерде эмес беле?" - деп колун шарт тартып алды. Гүлжигит болсо ыржалактай күлүп: "Мен сени менен коштошоюн деп келгем, сүйүүмдү сенден издегеним менен таппадым", - дейт да, күн батышты көздөй баратып, көздөн кайым болду. Чочуп ойгонду, өйдө болсо Шахназ кирип келе жатыптыр.

- Канчага жата бересиң, сабак окуганды да койдуң, жакында экзамениң болот, кантээр экенсиң? - деп кейип, кызынын чачынан сылап өөп койду.

- Апа, азыр чыгам.

- Бол эрте, Гүлжигит келген.

- Ошонуңардын азабы өттү, - деп жини келе эмелеги көргөн түшүн эстеп: "Чын эле коштошкону келгендир, өзүн сүйбөгөнгө жабышмак беле", - деп ойлоду. Анан артына төгүлгөн чачын оңдоп өрүп алып, сыртка чыгып келе жатып, Гүлжигит менен беттеше түштү.

- Кандай, Мунара, окуулар жакшыбы? - деп Шахназдын көзүнчө сыпайы учурашты ал. Мунара:

- Жакшы, - деп мурдун чүйрүй сыртка кадам таштады. Анан короодон чыгып Шакирдиндердин үйү тарапты карады. Тынч, эч ким көрүнбөйт: "Келе элек окшойт", - деп супсуну сууй түштү. Үйгө кирмек болуп баратып жол жакка баскан Гүлжигитти көрдү. "Эмеле келип кайра кетип баратабы, баса машинасы турбайбы, бир жакка бараткан го", - деп үйгө кирсе, ал дасторкон четинде атасы менен сүйлөшүп отуруптур. "Мен эмне болуп жатам, же башканы көрдүмбү, жок, ушул эле болчу, ал тургай мени карап жылмайып койбоду беле, кызык эмнеге мындай?" - деп ойлору менен алышып туруп калды эле Шахназдын үнүнөн селт этип кетти.

- Мунара, кеседен алып келчи, кызым.

- Аа-а... азыр, - деп Гүлжигитти бир карап коюп чыгып кетти, аш кеседен алып келип дагы карады. Кыздын бул жал-жал карашына жигиттин жүрөгү элжирей: "Мунара, сенин ушул көз карашыңда кандай гана сыр жатат, акыры мени сүйүп калаарыңды билгемин", - деп купуя кубанып отурду.

Ошол күнү кечинде Мунараны сыртка чыкканда аңдып турган Гүлжигит аны кармап алды, кыз чочуп бакырып иймек болгондо оозун баса калды.

- Мунара, коркпо менмин. Сүйлөшөлүчү.

- Менин сенде сөзүм жок.

- Мунара, мен сени чындап сүйүп калдым.

- Кереги жок, мен сүйүүгө ишенбейм.

- А мен ишенем, сүйүүгө кабыл, бирок сүйүү көлүнө чөкпө дешет го, бирок мен чөгүп бараткандаймын. Эки жыл бою күттүм, эми убакыт жетти, сени сүйөөрүм анык, мен сага үйлөнөм!

- А мен эч кимге тийбейм.

- Ачыгыңды айтчы, Мунара, эгерде жүрөгүңдө башка адам болсо, ал сенин кадырыңа жете турган болсо унчукпай кете берем.

- Менин эч кимим жок.

- Анда бош экенсиң да?

- Сен үчүн эмес.

- Мунара, сүйгөнүң болсо тоскоолдук кылбайм, анткени ал дагы сени мендей сүйөт чыгар, балким менден дагы катуу сүйгөндүр. Сөз берем сага, эгерде жүрөгүң каалаган эч ким болбосо мен сени баары бир ала качып кетем, - деп кызды билектен бекем кармап алды Гүлжигит. - Чыныңды айт.

- Чынымды айтсам мага экинчи жолобойсуңбу?

- Эч качан, эртең эле кетем.

- Чын элеби?

- Чын сырым.

- Койо бер мени, - дегенде Гүлжигит аны бошотту. - Менин жигитим бар, ал азыр армияда кызмат өтөп жүрөт, жакында келет.

- Ушул ыраспы?

- Калп айтайын деген оюм жок.

- Макул анда, мен эртең кетем, - деп ары көздөй басып кетти. Мунара үйгө кирди, керебетинде ойго батып көңүлсүз отурса Гүлжигит дагы жанына келди.

- Эмнеге келдиң, менин уйкум келип жатат, укташым керек, - десе да болбой үнсүз гана жылмайып тура берди. - Кызык жан экенсиң, өзүңдү сүйбөгөнгө эмнеге мынча сөз коротосуң билбейм, - деп төшөгүн оңдоп жатканга даярданып, - Жакшы жатып эс ал, эртең кетүүнү унутпа, - деп босогону караса ал жок, эшигин бекем жапмак болуп барып каалганы ачса Гүлжигит сырттан кирип келе жатыптыр. Мунара аны таңгала карап туруп калды.

- Жата элексиңби? - деди Гүлжигит.

- Кыздын бөлмөсүнө киргениңди койосуңбу, эмнеге кирдиң? - деди кыз мурчуңдай.

- Качан кирдим, эшиктен эми келе жатам го?

- Калп, эми эле кирип чыкпадыңбы?

- Мунара, сен мени сүйүп калып эле көзүңө көрүнүп жатат окшойм, - деп Гүлжигит күлүп койгондо Мунаранын жини келип чырт дей түштү.

- Болбогонду сүйлөй бербечи! - деп каалганы катуу жаба жатып алды. Ал дагы эле таң калып: "Бул эмнеси, чын эле көзүмө көрүнүп жатабы, мен аны ойлогум да келбейт, эмнеге ал эшиктен кирди. Качан чыгып кеткенге үлгүрдү, мени таңгалдырмак болуп жаткан го", - деген ойлор менен алышып жатып уктап кетти. Эртеси Гүлжигит кетмек болду эле Рашид кетирбей койду. Ошону менен ал он күндөй жүрүп калды. Бир күнү Мунара сабагынан келе жатып адатынча Жоробектин үйү жакты караса кишилер кирип-чыгып жаткан экен. "Келген го, барып келсем бекен, эмне болмок эле, өз көзүм менен көрүшүм керек. Апам эмне десе ошол десин", - деп өзүнүн кайда баратканын сезбей дагы калды. Мына жакындап келе жатат, көз алдында экөө тоого барып адырларда максатсыз ойноп жүргөн кези келди, узун бойлуу, кызыл жүздүү жигит турду, ошол кезде арт жагынан:

- Мунара, кайда баратасың? - деген апасынын үнү кулагына шак этти, нес болгондой турган ордунда катып калды. Шахназ жетип келип Мунараны колтуктап үйүнө алып кирди. - Сага аякта эмне бар, уялсаң боло, кызым, аерде эл көп, сен аны көргөндө бирдеме өзгөрүп кетмек беле?

- Апа, сен бардыңбы? - деди Мунара апасын суроолуу карап.

- Ооба…

- Кандай экен, Шакирдин жакшы эле бекен?

- Жакшы бала эле бечара, пешенең кургур, ушунчадан жүзүнө так калганын кара, - деди Шахназ ичкери киргенден кийин. - Эми бечара өмүр бою адамдардан четтеп жүрүп өтөт го?

- Апа, айтчы, ошончолук эле жаман болуп калыптырбы?

- Ооба, кызым, бечара өтө жаман көрүнүп калыптыр, бир жак бети талкаланып кетиптир, бетине этинен алып жамаган болсо керек.

- Апа-а! - деп Мунара бетин басып ыйлап ийди.

- Болду, эки күндөн кийин акыркы коңгуроо болот, кийимиңдин кандай тигилгенин көрүп келейин. Чачыңды жакшылап тарап өзүңдү ирээтке келтир, алдагы кебетең менен мектепке кантип баргансың ыя? - Ачуулана караганы менен кызына ичи ачышып жатты. "Балапаным ай, сүйүү дегениң бир азгырык го, ошого берилип алып азап тартты, балким чын эле аны катуу сүйгөндүр", - деп ойлонуп, азыраак болсо дагы өзүнчө койгусу келди. Өзүн-өзү сооротуп жалгыз ойлонсун деди оюнда. Убакыт Мунаранын көз жашынын зары, дилиндеги арманы сыртка чыгарууга болбой турган көкүрөктө буккан ызасы менен бирге өтүп, акыркы коңгуроо болчу күн жетип келди. Ага апасы адеми көйнөк тиктирип берген, курбуларынын арасында өзгөчө көрүнүп турса дагы көздөрүндө муң турду. Ошол убакта элдин артында Шакирдин аны уурдана карап турган, көрүп көзү тойбой көзүнө жаш тегеренди. Катары менен бүтүрүүчүлөрдүн аты айтылып келип, акыры кезек Мунарага жеткенде ал классташтарынын арасынан суурулуп келип, мектеп директорунун колунан күбөлүгүн алды. Гүлжигит ага кучак толо гүл берип бетинен өптү, аны көрүп туруп чыдай албай Шакирдин артына бурулду. "Ооба, ал эми башканыкы, эч качан меники болбойт, эч качан, жок дегенде дагы бир жолу жолугуп үнүн уксам кандай бакыт эле. Назик апакай колдорунан кармап, үлбүрөгөн жүзүнөн аста өбүү мага буйрубаган экен", - деп зээни кейип кетип баратканда анын артынан кат ташып жүрчү бала жете келди. Анын колунда үй алдында өскөн розанын үч талы бар эле:

- Шакирдин аке, бул гүлдү Мунарага бересизби?

- Кайдан алдың?

- Үйдөн, сиздин мектепке келе жатканыңыз көрүп, ала келдим.

- Рахмат, эми анын кереги жок.

- Эмнеге, Мунара балким сизди күтүп жаткандыр…

- Жок, ал мени күтпөйт.

- Шакирдин аке, ал сизди дагы эле жакшы көрөт.

- Эмне дейсиң, сага антип ким айтты?

- Мен билем…

- Кой, андан көрө өзүңдүн кызыңа берип кой, - деп басып кетээрде Мукай анын алдына өттү.

- Жок дегенде бүгүн ага гүл берип коюңузчу.

- Ручка барбы? - деди ошондо Шакирдин Мукайга карап.

- Бар, кагаз дагы бар, - деп шыпылдай сумкасынан алып бере койду. Шакирдин аны алды да: "Мунара, бүгүнкү майрамың кут болсун, ылайым дал ушул розадай бажырайып жүрө бер, эч качан муңайба, бактылуу бол!" - деп атын жазбай эле гүлгө кыстарып койду.

- Эмки милдет өзүңдө, - деди Мукайга карап. - Менин атымдан берип кой, жообун айтасың да, - деп басып кетти. Мунара четте турган, ал Сайра экөө сүйлөшүп жаткан эле, Мукайды көргөндө Мунара шек алдырбай басып келди да, эңкейип:

- Кимден? - деди шыбырай.

- Кимден экенин билсеңиз керек.

- Ал өзү кайда?

- Кетип калды.

- Эмнеге, жолуккусу келбедиби?.. - деп Мунара гүлдү карап телмирип туруп калганда арасынан кагазды көрүп шашыла окуп кирди. Окуп бүтүп, көзү жашка толо катып туруп калды. Анын жанына келген Сайра:

- Сага эмне болду? - деди ага таңгала.

- Эчтеке. - Мунара көзүн аарчый аны менен топтолуп турган окуучуларды көздөй басты. - Менден бактылуу жан жоктур ээ дүйнөдө…

- Кызык болуп турасың, Мунара.

- Баары ордуна келет, мен эчтеке болбойм, а …

- Эмне деп жатасың?

- Эчтеке, Сайра, өзүмчө болгум келет, сен бара берчи.

- Кечинде келесиңби?

- Билбейм.

- Балдарга эмне деп айтайын, вечеринкага келет дейинби?

- Жок, эч жакка барбайм кош, Сайра, кийин өзүм барам сага.

- Эмне болгонун айтчы мага, Мунара.

- Эчтеке болгон жок, бүгүн өзгөчө бактылуумун, ошону көтөрө аламбы, көтөрө албаймбы билбейм, кыскасы сен менден бүгүн эч нерсе сураба, - деп Мунара үйүн көздөй ылдамдай басып жөнөдү. Сайра аны түшүнбөй карап туруп калды, анын артынан Гүлжигит кетти. Мунара үйүнө кирбей түз эле Жоробектин үйүнө баратты. Аны көргөн Адалат утурлай басты:

- Мунара, кел, садага, сага эмне болду?

- Шакир кана? - деди кыз токтобостон кирип баратып.

- Ал… ал жок эле, кызым…

- Кайда кетти? - деди токтой калып.

- Айткан жок. - Адалат ушинткенде Мунара дароо артына кайрылып, Гүлжигитти көрдү.

- Сен эмнеге менин артымдан келесиң?

- Сен үйгө кирбей биякка эмнеге келдиң? - Гүлжигит өзүнө суроолуу карады. - Кеттик үйгө.

- Бара бер! - деди Мунара. - Эми артымдан ээрчибе, өзүм келем, - деди да, айылдын орто чениндеги алма бакты көздөй жөнөдү. Кээде Шакирдин экөө ошол бакка сейилдеп келишчү эле. "Ушул жакта болуш керек, ал жалгыз болгусу келген, демек ушул жакта, мен ага жолугушум керек, өз көзүм менен көрөйүн", - деген ойдо бакты аралап кете берди, эки жагын элеңдей карап койот. Эч кимди көрө алгыдай эмес, бир кезде ырдын обонун ышкырык менен созгон дабыш чыкты, кыз дабыш чыккан жакка жүгүрдү. Шакирдин аны көрүп эле турду, ышкырык улам токтоп кайра муңду чыгып жатты. Мунаранын артынан Гүлжигит дагы эле акмалап жүргөн. Аны көргөн Шакирдин ызаланып алды, "Тагдырым тардык кылды, махабат деген ыйык сезимге кабылдым, бирок кана албадым. Көз алдымда өзүм сүйгөн кыз башка бирөөнүн кучагында калганы турат, Мунара-Мунара, мен сени кантип унутам", - деп, көзүнөн буурчак-буурчак жаш куюлуп отура берди. Мунара аны эч жерден таппай шалдая отуруп калды, бул бактан эч бир кеткиси жок. Бир кезде анын жанына Гүлжигит отурду. Кыз аны карабай эле Шакирдин экен деп ойлоп:

- Менден качып кайда барасың, мен үчүн башкасы мааниге ээ эмес, башкысы сенин жүрөгүңдө жашаймбы, эстейсиңби, жок дегенде бир жолу эстедиң беле? - деди жай гана, Гүлжигит үндөгөн жок. - Жүрөгүмдө сенден башкага орун жок экенин билесиң, неге көрүнгүң келбейт, жок дегенде бир көрүнсөң, мен сенден качып баратсам айтсаң болот эле го?!

- Мунара…

- С... сенби?! - деген Мунара ыргып турду. - Эмнеге келдиң, менден эмне керек деги сага, изимди кубалабай өз жолуң менен болчу, бечара. Баары бир сенин жаныңда боло албайм, ого бетер жек көрүп кетем, Гүлжигит, мени жайыма койчу, жок дегенде ойлондура койбойсуңар! - деп, ылдамдай басып кетип калды. Ал үйгө киргенде эч кимиси көргөн жок, бир кезде эшиктин алдындагы машина от алганын угуп, Рашид менен Шахназ чыга калса, Гүлжигит машинасын айдап чыгып баратыптыр. Аларды караган дагы жок. Шахназ Мунаранын бөлмөсүнө башбакты, ал ыйлап жаткан.

- Сага эмне болду, Гүлжигит кайда кетти?

- Мен кайдан билем?

- Куураган кыз экенсиң го, аны капаланттың беле? Ушу сенин азабың өттү деги…

- Мен эмне кылып жатам, ата-энең эле болбой жатат, мен сени сүйбөйм, шаарда сүйлөшкөн кызым бар деп өзү эле кетип калды го? - деди Мунара атайын калп айтып.

- Ушунуңа ким ишенет, кызым, аны сен эле кетирген экенсиң, болбосо ал биерден кетпейт болчу… - деп кайра чыгып кетти Шахназ. "Дегеле ырас болду, көлөкөдөй болуп артымдан калбайт, тим эле кыйратып койгонсуп", - деп Мунара жини келип ойлонуп жатты. Бир кезде көзү илинип кеткен экен бир нерседен улам ойгонуп кетсе, өзүнө үңүлө карап Гүлжигит турат.

- Сен кетип калбадың беле? - деди көздөрүн чоң ачкан Мунара, бирок ал үн дебей карап тура берди. - Кызык неме экенсиң, эмнеге кайрылып келдиң, эркексиңби кеткен соң келбей кой да, - деп кыз терс бурулуп кетти.

- Сени менен коштошкум келди, ушул бойдон сага келбейм, сен кө-өп азап тартасың, Мунара. Азыр бирөөнүн азабын тартсаң, үч күндөн кийин экинчи адамдын азабы сени өмүр бою ээрчип алат, - дегенде:

- Эмне? - деп карай салса эч ким жок, дабыш чыгарбай чыгып кеткен өңдүү. Мунара көздөрүн алайта тура калып сыртка атып чыкты, эшиктин алдында эчтеке жок, машинанын үнү да угулган эмес. "Сыртка токтотуп кирген го", - деп, кайра бөлмөсүнө кирди, бирок тынчы кете берди. "Кандайча жок болуп кетти. Кеткенин да билбедим, сөзүн бүтө электе карасам жок", - деп өзүнө-өзү таңгалып жатты. Ошондон үч күн өткөндө Рашиддин үйүнө кабар келди, Гүлжигит түндөп кетип баратып жолдон чоң машина менен сүзүшө кетип, ошол жерден каза болуптур. Муну уккан Мунаранын эси ооп калды. Ата-энеси анын тажыясына кетишти. Үйдө жалгыз калган Мунара Сайрага барды, аны менен сүйлөшүп отуруп, үйүнө чакырды. Апасынан суранып экөө үйүнө келгенден кийин Мунара ага болгонун айтып берди.

- Ырас эле жаман бекен, анан? - деп сурады Сайра.

- Мен көрбөдүм, Сайра, өз көзүм менен көрөйүн десем да болбой көрүнбөдү, - деди Мунара улутунуп.

- Кызык экен, мен дагы уккам ошондой болуптур деп, бирок мен аны тааныбайм.

- Элдер көргөн нерсени эмнеге көрбөйм, Сайра?

- Кайдан билем, балким сени көрбөй эле койсун деп ойлогондур…

- Ойлобой эле кат аркылуу айткан.

- Чынбы?

- Ооба.

- Демек сени аяганы го?

- Ошондойдур, бирок мен андан баш тарта албай турганмын, Сайра.

- Бара-бара унутуп каласың, - деп экөө отурганда сырткы эшиги бирөө кирип келе жаткандай шарак эте ачылды. Мунара Сайрага карады:

- Эшикти ачып ким кирди?

- Билбейм, жүрү карап көрөлүчү, мен эчтеке уккан жокмун.

- Каалганын ачылганын билген жоксуңбу?

- Жо-ок.

- Кантип эле, мен илип койгондой болгомун, - деп бөлмөсүнөн чыгып, эшикке келсе саал кыңая ачылып калыптыр. - Илген эмес турбайымбы, - деп катуу тартып илип коюп, кайра тамак ичкен бөлмөгө киришти. Кыздар картөшкө кууруп жеп алып кайра ичке киришти да, керебетте ар кайсыны айтып күлүп жатышты.

- Сен экзаменге даярсыңбы, Сайра?

- Даярданып жатам, эгер билбеген темам келсе өлдүм ай.

- Мен дагы. - Ошол убакта дагы эшик ачылганы угулду.

- Кызык, ким ачып жатат?

- Эмнени? - Сайра түшүнбөй сурады.

- Эшик дагы ачылды, Сайра.

- Койчу? - Экөө үрпөңдөй төшөккө чүмкөнүп алышты.

- Коркуп жатасыңбы, Сайра?

- Ооба.

- Мен карап келейинби, мүмкүн биздин жалгыз экенибизди билген бирөө коркуткусу келип жаткан чыгаар…

- Ким деп ойлойсуң?

- Билбейм, мен эшикти көрүп келейинчи, - деп туруп келип, эшиктин ачык экенин көргөндө бүткөн бою калтырай, көздөрү алайды. - Эми эле илбедим беле, ким ачып жатат, Сайра үйдү кулпулап коңшунукуна кетелиби?

- Жаман көрсөчү?

- Жаман көрбөйт, - деп Мунара кийинип жатканда сырттан бирөө кирип келе жаткандай дабыш чыкты. Сайра уккан жокпу же ал дагы ичинен коркуп жаттыбы, айтор унчуккан жок. Калтыраган Мунара эч нерсе дебей эле турган жеринде катты, бирок жанагы салмактуу баскан дабыш алардын бөлмөсүнүн тушунан өтүп, төркү үйдүн эшигин ачкандай болду. "Ууру болсо керек, эмне болсо ошол болсун", - деп Мунара төшөккө кайра жатып алды. Кыязы, Сайра эч нерсе уккан жок көрүнөт.

- Барбай калдыкпы? - деди ага.

- Жата береличи. Эчтеке сезген жоксуңбу?

- Жо-ок, эмнени сезмек элем?

- Жөн эле, - деди да Мунара унчукпай жатып калды. Сайранын кулагы катуубу дейин десе жакшы угаарын өзү билет. "Демек анда мага бирдеме көрүнүп жатат", - деген ойдо сыртка кулак салып унчукпай жата берип, уктап кетти. Түш көрүп жатыптыр, түшүндө Гүлжигит анын бөлмөсүнө уруксаты жок эле кирип келип: "Мунара, мен сени коркутайын деген эмесмин, эшикти кулпулабай эле койбойт белең. Мындан ары дайыма сенин жаныңда болом, окуп бүттүм эми колум бош, сенин окууңа жардам беремин", - деп жылмая карады. "Өзүм эле окуйм, сенин керегиң жок", "Кой, Мунара, сенин ордуң башка жакта, сени ошол жакка жеткиргенден кийин кетем, ачууланбай жүрчү", - деп эшикти ачпай эле көздөн кайым болду. Мунара көзүн ачып, үйдүн караңгылыгынан улам туруп барып жарыкты күйгүздү. Эмелеги түшү көз алдына келгенде коркуп кетти: "Бул эмнеси, өлгөн киши түшкө киреби, али коюла элек го?", - деп жүрөгү дүк-дүк эте кайра келип жатып алды. Сайра эч нерсени сезбей уктап жаткан, аны карап суктанып алды: "Эч кайгысы жок болгон кандай гана жакшы". Ошол бойдон көзү илинген жок.

Эртең менен турса эшик кадимкидей ачылып калыптыр, жүрөгү шуу этип кетти. "Сайра билбей эле койсун, үйүндө ээси бар экен деп калбасын", - деп ойлоп ага айтпады. Эртең менен эрте туруп жуунуп, чай ичип алып мектепке жөнөштү, консультация болмок. Ал күнү түш оогуча мектепте кыздар менен жүрүп үйүнө жөнөгөндө буттары шилтенбей коркуп туруп алды. "Кайда барсам, Усман атамдыкына барсамбы?" - деп короосунан кирбей бир сыйра көз жүгүртүп коюп, атасынын бир тууган агасы Усмандыкына жөнөдү. Анын кызы жок, үч эркек баласы өз-өзүнчө кетип, үйүндө кемпир-чал эле калган. Каникул убагында эки уулунун балдары келип жүрүп кетет, эң кичүү уулу үйлөнө элек. Мунара келгенде Усмандын аялы Жамалкан эшикте жүргөн.

- Кел, кызым, - деди көрүп эле жылмая.

- Келдим, апа, кандай жатасыңар?

- Кудайга шүгүр, атаңдар кандай жатышат?

- Жакшы эле, алар өлгөнгө кетишкен.

- Ким өлүптүр?

- Атамдын досунун баласы.

- Жаш беле?

- Ооба, жыйырма беште экен, авария болуптур.

- Жаны жаннатта болсун бечара, өтө жаш экен да. Окуп жатасыңбы өзүң?

- Ооба.

- Кире гой үйгө, атаң жок, ал өзүнүн "досторуна" кеткен, кечке чайканадан чай ичип ушак айтып отура беришет, бекерчилер да.

- Эркектер дагы ушак айтабы?

- Ой кокуй күн оо-ой, аялдарга караганда эркектердин ушак айтканын көрсөң оозун ачылат, - деп Жамалкан күлүп койду. - Жүрү, кызым үйгө, отуруп чай ичели.

- Мен үйдөн жалгыз коркот экенмин.

- Коркпой анан, садага, ботом үй турбайбы, келе бер.

- Уурудан корком, атамдар эртең келет болуш керек.

- Келип калаар, кудай сактасын, уурулар эле карап турат дейсиңби?

- Деги да.

- Коркпо, атаң түндө бир карап койот.

- Макул, биякка жатып алайын ээ? - Мунара кудуңдай сүйүнүп кетти, энеси экөө көпкө бабырашып отуруп чай ичишти, андан кийин Жамалкан Мунарага эт алып келип берди.

- Ушу жерде туруп дегеле келбейсиңер, коноктоп койойун, сен деле бой жетип калдың кызым. Кыз жаманы кыроо дегендей сен да бирөөнүн бүлөөсү болооруңа аз калды, муну өзүң тамак жасай гой, берекем.

- Макул, апа, - деп шыпылдай кыймылдап кирди кыз. Ал күнү ошол жерде уктап тынч эс алып, эртеси мектепке кетти. Ошол күнү түш оой келген Рашид менен Шахназ Мунараны күтүп калышты. Ал сабактан келип, кубана үйгө кирди.

- Апа, ата, мен келдим.

- Келсең болду, окууң жакшыбы?

- Корккон жоксуңбу, кызым?

- Жалгыз таштап кетесиңер, Сайра экөөбүз жатканда корктук аябай.

- Эмнеден коркосуң, өзүң тулуп-өскөн үйүң да? - деп Рашид компоюп койду.

- Түндөсү корктук.

- Коркуп эмне, кызым, үй тынч эле, - деп аз-маз талашып-тартыша түшкөн соң Рашид Мунарага карады.

- Кызым, сени Турардын үйүнө жибермек болдук, Оштогу университетте тааныш мугалимдери бар экен, табыштап койом деди.

- Ата, андан көрө Фрунзеге эле барайынчы.

- Жо-ок, кызым, Фрунзеде биздин таанышыбыз жок, сени аякка жибере албайбыз, - деди Шахназ.

- Элдин баары эле барып окуп жатышпайбы?

- Сен айтканды ук, кызым, өз билгениңди кылам дегениңди кой, - деп Рашид сөзгө чекит койгондой болду, бул анын окусаң Ошко барып окуйсуң, окубасаң күйөөгө берем дегени эле. Мунара үндөбөй өз бөлмөсүнө чыгып кетти. Ата-энеси бири-бирин тиктеп кала беришти. Бир саамга унчукпай отургандан кийин Рашид аялына ороңдой карады:

- Сен кызыңды өз ою менен коюп жаман өстүрдүң, каалаганын жасаса да тим коюп койосуң, катуу кармасаң болот беле?

- Эмне кыл дейсиң, уруп-согуп эле турсам оңолуп кетеби?

- Ой кичине айтсаң болот го, бирдеме десең эле тескерисинен кетет. Эгер кызың Гүлжигитти түндөсү кубалабаса бечара өлмөк эмес, аны жөн эле карышкырдай карап туруп албадыбы, тиги Жоробектин баласынча көрбөдүбү ыя? - дегенде Шахназ селт этип кетти.

- Эмне деп жатасың, тырмактайынан эле күйөө издеп келе жатасың, элдин кыздары эчтеке менен иши жок эле ойноп-күлүп жүрөт.

- Кызыңда бир сыр бар, жанагы Жоробектин баласына эми тийсинчи көрөйүн, көрдөн чыга калгандай болуп, - деп кыт-кыт күлүп койду Рашид. - Дегеле мунун сүйгүчүлүн кантесиң?

- Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей ким болсун пешенеге жазганды көрөт, ал шордууга мыйыгыңдан жылмайба, пешенеси ошол тура, эми кандай болоор экен, өкмөткө кызмат кылуу эркектердин милдети деп айдай жүзүнө так түштү. Адалаттын ыйлаганын көрсөң чыдап тура алгыдай эмессиң, башка жери болсо да бир жөн, - деп Шахназ абдан кейип отурду. Рашид унчукпады, тек кызына эми келе албасына көзү жеткендей: "Эмнеси болсо да кызымдан алыс болсо болду, өткүр бала эле, бербегенге аргам калмак эмес. Демек кудай өзү калыстык кылды көрүнөт, таба эмес эмес тобо, эми келе албайт", - деп терең дем ала, көңүлү жайланып отуруп калды…

Шакирдин өз сүйүүсүнөн баш тартты, анткени тагдыр аны оор бурулушуна кептеп салды, жүрөгү канап, көкүрөгү махабаттын дартынан жапа чегип турса дагы күйүттүн зардабына чыдамак болду, маңдайга жазганын көрүп, буйруганга аргасыз көнүүгө өзүн даярдады. "Ооба, мен өзүмдү баардыгына туруштук берүүгө даярдап көнүшүм керек, ар качан пенденин өз ойлогонундай боло бербесин түшүндүм. Адам баласы күтүүсүз келген кайгы-касиретке даяр болуш керек тура, аргасыз-алсыз жараткан сүйгөн пендемин", - деп ойлонуп жатты.

Рашид үйүндө ойлонуп отуруп өзү көргөн бир окуяны, Турардын Гүлжигит жөнүндө айткан сөзүн эстеди. Тээ он чакты жыл мурун тоодон келе жатып ата-бабалары жаткан мүрзөгө келгенде аттан түшүп, чөк түшө куран окуп бата кылат. Жер таянып өйдө болордо маңдайынан жер "пук" этип атылганын байкады, абайлап караса баягы жер кадимкидей оюлуп калыптыр. Таңгалып туруп кайрадан куран окуду да, үйүнө келгенде туугандарынын бири өлгөнүн укту. Ал тууганы баягы атылган жерге коюлганда гана атасынын: "Ар бир пенде өзүнө топурак буйраган жерге коюлат", - дегени эсине келген эле. Ал эми кечээ Турар баласын коюп келгенден кийин бир шумдуктай окуяны айтып берди. Бир күнү Турар эрте туруп, Гүлжигит жаткан бөлмөгө баш багып, анын уктап жатканын көрөт. "Бир аз уктай турсун, анан тур дейин", - деп эшикке чыкса, уулу ажатканадан келе жатыптыр. Турар адегенде чочуп кетип келме келтирет да: "төшөктө жатканын көрбөдүм беле, же жаңылыш көрүп алдым бекен. Капырай бери карап жаткан жүзүн деле көрдүм эле", - деп ормойо карап калат. Анан Гүлжигиттин артынан барып акырын карап турса ал:

- Дагы келип калдыңбы, баары бир мен сенден коркпойм, андан көрө ишиңди кылсаңчы. Жо-ок, мен азырынча эч кандай моюн сунбайм, убара болбо, үйдөгүлөр көрүп калса убайым тартып жүрбөсүн? - деп сүйлөнө өз төшөгүнө эч ким жоктой эле жатып алат. Алласы оозунан түшкөн Турар артка кетээнчиктеп кемпири жаткан бөлмөгө кирди.

- Гүлсара, түлө өткөрбөсөк болбойт, бир шумдук көрдүм, кудай сакта, кудай сакта, өмүрүмдө мындайды көрбөгөмүн. Сен нан-паныңды даярдай бер, мен бир эчки алып келе калайын, - деди өңү кумсара.

- Ой эмне болуп кетти, өңүң кантет?

- Жай айтып берем, байбиче, - деп шашкан бойдон сыртка чыгып, атына минип жайдын саратанында тоону көздөй жөнөдү. Бир маалда караса, алды жагында Гүлжигит кетип баратыптыр. - Ой, бала, кайда барасың? - деп кыйкырды. "Эмеле тура элек эле, качан үлгүрдү экен?" - деп ойлогончо болбой баласы топ мүрзөнү аралай жөнөдү. Коркконунан даай албай атын чаап кетти, "Эрте жарыкта барып келе калайын", - деп тынбай жүрүп отурду. Ошол күнү үч жолу ошондой болду. Турар тоодон келип, эчкини аттан түшүрөөрдө короодо турган Гүлжигитке кармашып кой демек болуп кайрылса, ал ары карап басып баратыптыр.

- Деги сага эмне болгон, бай болгур, дегеле башкачасың да, жайчылыкпы деги? - деп Гүлсара чочулай сурады.

- Тынч элемин, тиги балаң мен кеткенде бир жакка бардыбы?

- Кайда бармак эле, эмеле турду, чай-пай да иче элек.

- Анда-а…

- Деги кызык эле кишисиң да, эми эчкини эртең эрте сой, түш ооп кетти бүгүн, - деп Гүлсара ары көздөй басты. Турар Гүлжигитке жакындап сөз суроого оозу барбай мал сарайды көздөй кетти. Беттешкенден чочуп эмне дээрин билбей жатты, эртеси эрте туруп улакты союп түлөө өткөрүштү. Ошондон кийин Турар Гүлжигиттин бөлмөсүн көп акмалачу болду, бирок анысын сезгендей Гүлжигит атасынын артынан же алдынан чыга калып, кайра өз бөлмөсүнө кирип кетет. Бир күнү дагы эрте туруп, анын бөлмөсүн акырын ачып тыңшамак болду, кыңайта ачылган эшиктен Гүлжигит жаткан керебет толук көрүнчү. Ал чалкасынан жаткан экен, бир кезде анын коңур үнү угулду.

- Жети жылдан бери мени мененсиң, же биротоло ээрчитип кетпейсиң. Мунарага эмнеге көрүндүң, ал коркуп калса эмне болот эле, сен жеткен таш боорсуң, адамдардын назик сезимин түшүнбөйсүң ошону үчүн сен ажалсың. Атың кулакка жаман угулат, кызматың адамдын жаш-карысына карабай жанын алуу, жок дегенде сен бир жолу жакшы ниет менен кудайдын өзүнөн жаштардын жанын албай койолу, алар дагы жашоого келгенден кийин өмүрдүн эң кызыгын көрсүн деп сурандыңбы? - деп сүйлөп жатты. Турар дагы кетээнчиктей артка жөнөдү. Аргасы алты кетип, эми чындап коркту. Сыртта ары-бери басып жүргөндө Гүлжигит жанына келди да:

- Ата, сиз бала чакта ойлондуңуз беле? - деп сурады.

- Эмнени? - Турар жүрөгү болк эте уулун карады.

- Өлүмдү.

- Аны эмнеге ойломок элем?

- Деги да, айтчы, ата, өлүмдү бир ирет ойлодуң беле?

- Кайдагыны айтасың, сендей кезде биз өрттөй жанган жаш элек, эчтекени ойлогонго чамабыз келбептир, неге сурадың?

- Жөн эле…

- Сен азыр ал жөнүндө ойлобо, али эрте, балам, андан көрө үйлөнүп бизди неберелүү кылсаң бакыт ошондо, уулум, - деди сынай карап.

- Ата, адамды сени алып кетем деп өзүнө көрүнгөн ажалды уктуң беле? - деди Гүлжигит капалуу.

- Эмне дейт?!

- Уктуң беле дейм?

- Кайдагыны сурайсың, илгери адамдардын сезим-туюму күчтүү болчу, көрөгөч болгон, акылмандар көп эле. Ошондо өзүнүн өлөөрүн билип, сойчу малын даярдатып, каерге койорун айтып, балдарына энчилерин бөлүп, эки-үч күн мурун камынчу экен. Бирок алар өзүн ажал ээрчигенин эч кимге айтпаса керек…

- Ошондойбу, мен анда коркоктук кылып жаткан экенмин да? - Гүлжигит жер карай күңкүлдөдү.

- Эмне болуп жатасың, уулум, сүйлөгөнүң табышмак. Жайлоого барып кымыз ичип, таза абадан дем алып келсеңчи.

- Жок, ата, эч жакка барбайм.

- Анда колуктуңа барып кел.

- Барсам келбейм.

- Ээ мейли, качан келинди алып, анан келесиң да, - деп Турар күлгөн болду, бирок ичтен чийки май жегендей өзүнчө кыжаалат болуп турду.

- Макул, ата, мен Рашид аяш атамдыкына кеттим, бирок менин…

- Эмне… Эмне демекчи элең?

- Эчтеке, эртең жөнөйүн ээ? - деди уулу ордунан тура.

- Макул, эртең жөнө, апаң бирдемелерди берет ала бар.

- Жарайт, - деп сабыры суз басып баратты.

- Балаң кургур, эмне дейт деги, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей колумдан келээр болсо кана, билбей калсам эмне. Балким мага да атайын көрүнүп сабырымды сынап жаткандыр, - деп Турар оор дем ала өйдө болду. Эртеси Гүлжигит жөнөп жатканда башкача коштошуп, жаркылдай күлө апасын эки бетинен өөп, кайрылып келбечүдөй кылчак-кылчак карап, унаага отурду. Турар аялы экөө катар турган, ошондогу ал көргөндү Гүлсара байкаган да жок. Үйдөн узай бергенде экинчи Гүлжигит артынан жүгүрүп жетип, рулду талашып калды. Экөө ары-бери жулкулдашып жатканда машина оодарылып кетти, түз жол Турарга бийик бурулуш болуп көрүндү. Шашылыш жүгүрүп баратып, алды жагында унаанын чаңы гана калганын көргөндө эсине келди. Ал жүгүргөндө Гүлсара кошо чуркап келип, күйөөсүн кармап калыптыр… Ушуларды ойлонуп отуруп Рашид: "Ээ жараткан, ушунуңа дагы шүгүр, пендең жашка тойбогону үчүн жаш-карысын ылгабай алганың туурадыр. Өзүң жараткансың, эгем, өзүңдүн кулуңмун", - деп күрсүнүп алды.

Мунара экзаменин ийгиликтүү аяктады, ошол күнү ал апасына:

- Апа, мен Шакирдинди өз көзүм менен көргүм келет, - деп айтты.

- Эмнеге?

- Билбейм, сен мени түшүнчү, апа.

- Капырай, үйүнө бармак белең, ал үйдөн чыкпайт экен, тиричилик кылып жүрө берчү болуптур дейт. Бая күнү ага Ооганстандан сыйлык келген имиш, сельсовет жеткирип бериптир. Өкмөт дагы сыйлык берген го, чогулушка барбай коюптур.

- Баары бир көрүшүм керек.

- Көгөргөн көк бет экенсиң го.

- Мен ансыз жашай албайм, ал өзү менден баш тартса айла жок, апа, мен ага сөзсүз жолугушум керек, - деп Мунара ыйлап жиберди. Шахназ ойлонуп калды, бирок кызына кеңеш берди:

- Мунара, сен бир-эки кызды жаныңа ал да, Шакирдинге бар, учурашкан болуп, анан көрөрсүң, көргөндө качпасаң мага кел.

- Койчу, апа, ал ошончолук эле коркунучтуу дейсиңби?

- Барсаң көрөсүң.

- Кыздар менен барбайм, өзүм гана барам.

- Эмнеге?

- Өзүм жолугушум керек.

- Кандай кызсың деги, атаң сени ошол тараптан көрсө…

- Көрө берсин, тилеги ошол беле, мени ансыз дагы Шакирден ажыратты!

- Ой кыз, ошону атаң кылдыбы?

- Ооба, кудай тилегиңерди берди! - деп бөлмөсүнө кирип, кийинип чыкты да, - Мен кеттим, эгерде Шакир мени кабыл алса, ушул сааттан баштап аны менен калам, - деп чыгып кетти.

- Курган кыз ай, сүйүү деген балакеттин уусуна чалынып бүттү, - деп Шахназ анын артынан чыгып уурдана карап турду. Мунара бурулбай кошунасыныкына кирип кеткенде өйдө жакты карап: "Рашид көрбөсө экен", - деп кудайга жалына дилинде кызын аяп турду. Мунара короого кирип келгенде Шакирдин эшигинин алдында турган, байкоосуздан кирип келгенин көрүп, терс бурулуп берди.

- Шакир, эмнеге менден качасың, сен канчалык качсаң да менин жүрөгүм сени койо бербей жатат, өмүрүмдү күлгө айланткың барбы? - деди Мунара артынан.

- Мунара, мен сени кармагым келбейт, сен жашсың, - деди Шакирдин тетири караган бойдон.

- Сен кармабайсың, өзүм сага келдим, эгерде бери карабасаң үйүңө кирип отуруп алам, сенсиз жашаганча өзүмдү-өзүм өлтүрөм!

- Мунара!

- Жок, сен жүзүңдү көрсөт, мен сенин жүзүң маймылга окшосо да таштабайм.

- А мен каршымын, тагдырым буйруган жашоону сүргүм келет, - деди Шакирдин жүрөгү ачышып турса да чыдап көзүн жума. Ошол тушта ичкериден ата-энеси булардын сөздөрүн угуп, сай-сөөгү сыздап араң турушту. - Сен өз жолуң менен бол, Мунара, мени аячу болбо, аяганды жактырбайм, түбөлүк бойдок өтсөм да кайылмын! - деп Шакирдин огород жакка басканда Мунара жүгүрүп барып, анын алдына өтүп тура калды да, селдейе оозун басты.

- Мен сени аяганым жок, сүйгөмүн билсең, экөөбүздүн наристе таза махабатыбыз кайда? - деди Шакирди карыдан ала.

- Аяп жатасың, эми табала, Мунара, мен кыргыздын кулунумун, өз өлкөм үчүн кызмат кылдым, бул дүйнөгө жаралгандагы милдетимди аткардым, эми түшүндүңбү?

- Жок, мен сен айткандай качпайм, ушул сааттан баштап сенин аялың болууга даярмын, көрүп ал! - деп кыз Шакирдиндин үйүн көздөй ылдам басты. Короонун оозуна келип калган Шахназ:

- Мунара! - деп жүгүрүп жетип келди. - Бас үйгө, атаң издеп жатат, - деди күч менен колунан жетелей. Ошондо гана эсине келгендей Мунара селт этип Шакирдинге карады, ал терс караган бойдон катып турган.

- Апа, мени койо берчи, мен ушул үйдөн гана бакыт таба алам, апакебай, мени койо берчи! - деп жулунганына карабай Шахназ кызын жетелеп кетти. Жолдо коңшулары аларды өмүрү көрө электей аңырая карап турушкан. Шахназ уялганынан бети чыдабай Мунараны жонго бир койду:

- Өчүр үнүңдү!

- Апа-а! - Мунаранын көзүнүн жашы жамгырдай төгүлүп, апасынын жетегинде үйүнө кирди. Шакирдиндин андан бетер жүрөгү сыздап, турган ордунда солкулдап ыйлап жатты. "Тагдырым, мени неге мынча жазаладың, кайсы күнөөм үчүн бул апаатка учурадым, неге???", - деп шалак эте чөк түшүп алып, ийиндери солкулдай ыйлап жатканда Жоробек менен Адалат келип, уулун колтуктан сүйөп үйгө киргизишти.

- Ата, апа, мени неге жазалады мынчалык?

- Көп кейибечи, каралдым, сенин жаның аман келгени бизге бакыт болду, ушуга да шүгүр кыл, садага, - деп Адалат уулун кучактап кошо ыйлап жатты.

- Кайгыргандан не пайда, балам, узун жаның аман болсо болду, - деп Жоробек бир жагынан жооткотту.

- Жашагым келбейт, ушундан көрө ошол жактан сөөгүм келгенде эмне, апа? - деп буркурап жатканда Жоробек кайраттана:

- Кудай ажал бербесе өлө албайсың, өлөйүн десең да бир себеп менен калып каласың, өзүңдү-өзүң кыйнабай токтоолук менен жең да, бизге эле оңой дейсиңби сени көрүп турган ыя? - дегенде Шакирдин тып токтоду. "Ырас эле, канча жолу өлгүм келди, Салим ага айткандай мен өзүмдү токтоо кармашым керек. Мунара эми келбейт, келем десе да ата-энеси жибербейт, өз көзү менен көргөнү жакшы болду. Түңүлсүн биротоло, тагдыр бизди кошкусу келбеди, арга канча. Мунара, кечир мени, кечир, менин таза назик наристедей махабатым", - деп мостойо отуруп калды. Ага кээ-кээде классташтары келип турчу. Ошол убакта дагы Жолдошбек деген классташы келип калды.

- Шакир, кандай, отурасыңбы, дос?

- Жакшы, жүрү сыртка, - деп Шакирдин туруп сыртка жөнөдү.

- Эмне капасыңбы?

- Аздап.

- Капа болбо, дос, сен деген өкмөт баалаган адамсың, буйруса, сен көп жакшылыктарды көрөсүң, ушундай тагдыр буйрук болгон соң пенденин көнбөскө чамасы барбы?

- Аның туура, дос, бирок бул жерден кетпесем болчудай эмес.

- Эмнеге?

- Мунарага абдан кыйын болду…

- Кызыксың, ал сенден баш тарткан жокпу?

- Жок.

- Анда үйлөнүп ал да?

- Жок, болбойт, баары бир ата-энеси мени кабыл албайт, мындай болбогондо эмне, түз эле үйүнөн алып чыгып үйлөнүп алмакмын…

- Капаланба, досум, анан кайда бармаксың?

- Кайда болсун…

- Жакшылап ойлон, мамлекетибиз өзү быт-чыт чыкканы турат, бир жаңсыл боло элек, Горбачев чечимин өзгөртпөсө кайдан кетмексиң?

- Кандай болбосун кетүүм керек, Жолдошбек.

- Ошондо да терең ойлон.

- Ойлонгондо эмне, баары бир максаттар өчтү, жан сыздаткан ооруга чалдыктым, өлөөр өлгүчө жүрөктүн арманын өчүрө албай өтөөр күндө калдым, кайда барсаң мамайдын көрү дегендей…

- Эртең классташтар жолукканы жатабыз, сен сөзсүз бар.

- Жок, бара албайм, дос.

- Эмнеге?

- Кыздарыңар барбы?

- Албетте.

- Ошондуктан барбайм.

- Койсоңчу, Шакир, мынчалык корунуунун эмне кереги бар, сенин кадыр-баркың жогору, андан көрө көкүрөктү кере дем ал, башыңды өйдө көтөр!

- Кантип, мени көргөндөрдүн эти жыйрылып, чочуп кеткенин көрүү мага жеңил деп ойлойсуңбу? - деп Шакирдин бак аралап басып баратып бери бурулду. - Кана, айтчы, чынында сен деле жыйрыла кетесиң ээ?

- Койсоңчу, адегенде ошондой болгон, бирок баарын түшүндүм да, азыр сени мурункудай эле көрөм.

- Макул, Жолдошбек, ошондой болсун, бирок мени араңардан чыгарып эле койгула! - деген Шакирдин артына кайрылып баратып, - Бар, бара бер, мага көңүл бурганыңа рахмат, менин жалгыз болгум келет, - деди.

- Макул-макул, Шакир, эс ал, - деп Жолдошбек башка сөз айталбай басып кетти. Анткени Шакирдинди мурун досторунун баары сыйлашчу, эми андан да катуу сыйлап калышкан, бирок араларына кошулгусу келбей жалгыздап жүрө баштаганынан аяп кетишет. Арадан бир жыл өттү, Мунара үйүнөн чыкпай, ата-энеси менен сүйлөшпөй абдан азып кеткен. Турар өзү келип, окууга тапшыртам десе да болбой койду, бир гана сырдашы апасы Шахназ. Акыры тагдырына тан берүүдөн башка аргасы калбаганын сезип, бир аз алаксымак болуп эшикке чыккан эле. Ошол убакта аны көптөн бери аңдып жүргөн балдар дароо ала качып кетишти. Мунара аларга каршылык көрсөтүп жулунбады, тек гана:

- Кайда алып барасыңар? - деди мисирейе.

- Болчок күйөөңө, чоң кыз.

- Ким экен ал?

- Сейдимурат деген жигит, ал сени жактырып калыптыр, - деди бири сынай карап.

- Мен ага аял болуп бербесимди айткыла, азыр үйүмө жеткирип койгула. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, - деди кыз жүзүнөн заары чачырай. - Сыйыңар менен жеткиргиле!

- Жок, Мунара, - деди жанында отурган жигит, - эч жакка барбайсың, биз үйлөнөбүз, эгерде каалабасаң үйгө баргандан кийин деле алпарып койом.

- Эмне, сенсиңби Сейдимурат деген?

- Ооба, бир айдан бери үйүңдү кайтарып жүрүп, бүгүн гана колума тийдиң, эми сени кетирбей калайын, Мунара, каршы болбочу! - деп кызга жалдырап ийгенде Мунаранын көз алдына Шакирдиндин эки бөлөк элеси тартылып, андан кийин бул жигитти жалдырай караган бойдон тилге келбей эс-учун жоготуп койду. Бозого тойгон алагүү жигиттер коркуп кетишти.

- Сейди, жеткирип салыш керек.

- Эмне короосунун сыртына жаткырып койобузбу, уят го, андан көрө алып кете берели, эсине келээр.

- Сейдини көрүп эле эстен танды го дейм? - деди бири каткыра. - Дароо сүйүп калды окшойт?

- Тамашаңды кой, - деди Сейдимурат.

- Мына келип да калдың, күтүп жаткандарга эмне дейбиз?

- Сулкуйтуп көтөрүп киребизби?

- Балдар, токтогула, эсине келгиче күтө туралы.

- Чын эле, өзүнө келсин, - дешип машинаны жолдон чыгарып токтотушту да, карап отуруп калышты. Бир кезде Мунара өзүнө келип, башын көтөрө:

- Мен кайдамын, койо бергилечи, кудай жалгагыр! - деп ыйламсырай сурана баштады.

- Жо-ок, чоң кыз, кыздын бараар жери күйөө дейт го илгеркилер, колго түшкөн коенду койо берген оңобу? - деп айдоочу ырдап коюп унааны ордунан жылдырып, зымырата айдап жөнөдү. Балдар ырдай баштады, Мунара үн-сөзсүз мисирейип кете берди, качан гана келинди күтүп турган топ элди көрүп, бир үйдүн алдына токтогондо гана:

- Мени койо бергилечи суранам, мен баары бир отурбайм, койо бергиле дейм! - деп чебелектей баштады. Аны аялдар тегеректеп колунан ала унаадан түшүрүп, үйгө алып кирмек болгондо колун силке бошонуп, туш келди жүгүрүп жөнөдү. Делдейип туруп калган үч жигит менен Сейдимурат уйкудан ойгондой кыздын артынан чуркап барып кармап, көтөрүп келишти. Тыбырчылаганына болбой башына жоолук салышты. Эми отургузмак болгондо Мунара жоолукту алып ыргытты эле бир кары аял:

- Кызым, бул сенин алгачкы салынган ак жоолугуң, бул жоолук сен үчүн канча арзан турганы менен келин алам деп күткөн эненин таптаза тилеги, үмүтү андан да кымбат, адамдын ыйык. Эненин назарын сындырып, көңүлүн суутпа, кыз деген назиктигиңден жазба, кагылайын. Бактылуу энелер ошончолук сага ыраазы болуп, батасын берет, ошентип келген жериңден агарып көгөрөсүң, айланайын, - деди.

- Мен баары бир бул жерге калбайм, мени кечириңиздер, апалар, кетирип жибергилечи?

- Эшик аттабасаң болмок, кызым, эми сен ушул үйдөн бакыт таба турган бол, - деп кайненеси Карлыгач ага жоолугун өзү салды. Мунара бүк түшө калып буркурап ийди. "Мен Шакирдиндин көз алдында өзүмдү-өзүм гүлдөй соолутайын дедим эле го, ал өзүнөн-өзү ойдон азаптанып өмүрүн өткөрсө, мен бирөөнүн койнунда жыргап кантип күн өткөрөм?" - деп ойлонуп солкулдап жатты. Аялдар анын ички күйүтүн кайдан билсин, жоолугун салып көшөгөгө киргизип, мамык төшөккө отургузушту. Улам бири келип жоолук салып, бетинен өөп, таттуу тилектерди айтып жетине албай жатышты. Ошентип Мунара өз ордун тапты. Анын эсинде, көз алдында Шакирдин экөөнүн наристе кездеги таттуу ой-кыялдары гана элес-булас кинотасма сыяктуу кала берди…

Шакирдинге бул кабар үч күндөн кийин жетти, канчалык Мунарадан үмүтү үзүлгөнү менен ал кыз алды жагынан жарык шоола пайда кылган чоң тиреги эмес беле? Ал бир гана ошол кыз үчүн жашап жүргөнсүп, жарыкта жол издеген сокурдай теңселе түштү. "Ушундай болмок, боло турган иш эле, эми мени эч ким кармай албайт", - деп өзүнө-өзү күч кубат бере ата-энесине кайрылды.

- Ата, мен айылдан кетем.

- Кайда? - Адалат чочуп кетти.

- Шаарга.

- Эмнеге, уулум? Азыр заман чакчелекей болуп турат, Кыргызстан өзүнчө өлкө болуп бөлүндү, адамдар да өздөрүн билбей калды, чоңдор болсо кресло талашууга өттү, президент болом дегендер көбөйүп карапайым калк алапайын таппай турат. Шаарга барганда кандай күн көрмөксүң? - деди Жоробек салмактуу.

- Эл соодага өтүп жатат, эбин табам.

- Бир-эки жыл койо турсаң кантет? - деп Адалат аяй сүйлөдү.

- Апа, мен силердин да, башканын да аяганын көргүм келбейт, мен өз киндигимди өзүм кесем, силерге жүк болуп отургум жок, андан көрө мага уруксат бергиле, - деди кабагын сала үңүрөйгөн Шакирдин.

- Балам ай! - деп Адалат муңканып жиберди.

- Уулум, бизди да түшүн, айрыкча апаңды кууратасың…

- Ата, ооган согушунда өлбөгөн эми өлмөк белем, иштей берейин, кабарлашып турам, кам санабагыла, бул жерде калууга болбойт, ата, апа, мени түшүнгүлө!

- Макул, - деди Жоробек оор күрсүнө. - Аман-эсен жүрсөң болду, аргабыз канча, ак батабыз сени менен бирге.

- Барсаң бар, каралдым, качан жөнөйсүң?

- Болушунча эрте кетишим керек, мага ыраазы болгула, ата, ини-карындаштарыма карап, көз салам, - деди Шакирдин дале өйдө карабай. - Мен өзүмдү эле эмес силерди да кароого акым бар.

- Аман болсоң болду…

- Өлбөйм, апа, - деп Шакирдин күлө карады, бирок күлгөндө да жүзү бир башкача болуп көркүн бузуп турду. Адалат жер карай жүрөгү сыздап отурду, ар бир сөзү ийне менен сайгандай тыз-тыз этип эзилип жатты. "Арман ай, жаркылдаган баламдын айдай жүзү мындай болбогондо чүнчүмөк эмес, өзүнөн-өзү соолуп баратат, садагам ай", - деп зээни кейип алтымыш тамыры сыздап турду. "Каргыш тийген согуш".

- Мен анда даярдана берейин, - деди да Шакирдин өз бөлмөсүнө чыгып кетти. Жоробек менен Адалат бири-бирин тунжурай тиктеп отуруп калышты. Эмне деп сүйлөшмөк, кандан-жандан бүткөн баласы экөөнө тең бирдей эмеспи, же бирин-бири сооротобу, же бири-бирине күнөө артабы? Жок анте алышпайт, бир кудайдын буйругуна каршы тура албайт, колдорунан келбейт, аргасыз гана пенделердин бири. Жоробек эртеси жолуна акча дайындап, кийим-кечесин жаңылашып, бир улак союп ата-бабасына куран окутуп, уулун узак жолго узатышты. Болгон жараткандан ага узак өмүр, ден-соолук, алдыдагы жашоосуна жакшылык тилешти.

Шакирдин айылдан кетип жатып, Мунара туулуп-өскөн үйдү бир саамга тиктеп, кадамы шилтенбей, мүнөттөр токтоп калгандай тээ жаш кездеги: "Шакир, мен сага тийем ээ?" - деп бытыйган колдору менен өзүн жетелеп алганы көз алдына тартылды. "Ооба, мен сени алам", - деп өзүнүн компойо караганы көз алдына келгенде жагымсыз жылмайып алып, ылдамдай басып жөнөдү. "Бүттү баары, эми бул жерге өлсөм сөөгүм гана келет, болбосо бут баспайм, менин бактымдын баары талкаланды, үмүтүм үзүлдү, жүрөгүм канга чыланып, карегим жаштан соолумак болду. Кеттим мен туулган жеримден, алыстап ата-энемден, кандай тагдыр тосоор экен, качып баратам өзүмдөн", - деп жолдо кетип баратты.

Бурганактуу бороондордо муздак шамал бетти аймалаган сымал жигиттин арманы ак жайдын аптаптуу күнүндө жүрөгүн ызылдата сыйрып баратты. Ал адегенде Фрунзеге келди, бул кезде борбордо талаш-тартыш жүрүп, Фрунзе Бишкек болмок. Ошол учурда борборго келди да, батирге орношуп алып, эртеси жумуш издеди. Дароо эле жүк түшүргүч болуп ишке орношту. Көргөн элдин өзүн көргөндө селт эте түшкөнүн көрүп, бир топко көнө албай жүрдү, акыры жашоо аны баарына көндүрдү, аскерден келген эки жыл бою үйдөн чыкпай өзүнөн корунуп жүргөн неме көнүп кетти. Иштешкен балдар анын Ооганга барып келген шарт-наамасын көрүп сыйлап калышты. Чогуу жатып, чогуу иштешет, бир күнү ал айылга каттагандан ата-энесине акча берип, аны менен кошо кат жөнөттү. Ошентип арадан дагы эки жыл өтүп, элдин баары соодага эт-бети менен бериле баштады. Шылуундары жерди кыдырып, аягы Москва, учу Украина, Германия, койчу деги пулу бардын буту бар болуп калган кезде ал дагы Москвага жөнөмөк болду. Ата-энесине кат жазып берип ийди да, чогулган акчасы менен Россияга жөнөдү, адегенде эле таанышы берген дарекке келип түштү. Үй ээси аны жакшы эле кабыл алгансыды, бирок бала-чакасы өзүнөн коркконун сезген Шакирдин аерден кетүүгө аракет кылды. Кыргыздар отурган базарды издеп таап, тааныш издеп жүрүп, бир орус менен сүйлөшүп калды. Ал Москванын өзүндөгү афганецтер бирикмесинин башчысынын дарегин берди. Эртеси ал дарекке барса, башчысы жумушу менен бир айга чет өлкөгө кетиптир. Ошентип бир ай күтүүгө туура келди. Ага чейин вокзалга барып, шыпыргыч болуп иштеп калды. Аерден дагы тааныш күтүп, тагдыр ага билинбестен жылмая баштагансыды. Андрей деген бир орус жигит экөө бирге иштешет, кечинде ашканадан тамактанган соң кароолчулук күркөгө жатып алышат. Бир күнү Андрей:

- Өтө жаман болуптур, кандай өкүнүчтүү, жыйырма бештеги жигиттин өрттү кечүүгө даяр болуп турганы эмей эмне, кызык кезиңди өкүнүчтө өткөрүп жатканыңа кайгырам, - деди чылым түтөтө.

- Эч нерсе эмес, баарына көнүүгө туура келет, ошол үчүн пендебиз да, кудайдын мыйзамына эч кимибиз каршы тура албайбыз, өзгөртүүгө кудуретибиз жетпейт.

- Аа-а аның туура дечи, канткен менен кайраттуу экенсиң.

- Арга жок.

- Шакир, - деди Андрей, - кел жүздөн ичебиз.

- Жок, мен ичпейм.

- Кайгырганда кайгыны басууга жардам берет, кээ-кээде ичип койсоң эчтеке болбойт.

- Мен кайгыны ичкиликсиз, чылымсыз жеңем.

- Азамат, - деп Андрей өзү жүз грамм жутуп бакылдай баштады. - Кыздар менен көңүл көтөргөнгө кандайсың?

- Ал да болбойт.

- Сен жашоодо эмнеге куштарланасың?

- Мени эч нерсе кызыктырбайт.

- Аның болбо-ойт, тирүү адам деген тирүүлүктүн даамын татууга тийиш, а тирүүлүктүн өзгөчө шаңы, таттуу даамы кыздар менен көңүл ачуу, сен андан баш тартпа да. - Андрей мылжыя күлүп калды. Андрейге орус кыздардын келип жүргөнүн билчү. Бирок эч нерсеге көңүлү чаппагандыктан көрмөксөн болчу.

- Мен үчүн жашоо адал мээнетиң менен күн көрүүдө, андай жол менен рахат алуу жакпайт.

- Мага бүгүн эки кыз келет, акчамды аларга сарптайм, алар мага таттуу шараптай даамдуу, гүлдөй назик, моокум кандыраар кубат берет, Шакир.

- Сен көрө бер, - деп Шакирдин жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Андрей келчү кыздарды күтүп калды. Түн бир убакта таттуу уктап калган Шакирдиндин койнуна бирөө кирип, кучактап өөп, жаны калбай өзү аракет кыла баштады. Бул Андрейдин атайылап уюштурганы экенин Шакирдин сезди. Эркек эмеспи, бир гана жүзү серт, жүрөгү жаралуу болгон менен калган алты саны аман, тирүү жан да. Буруксуй жыттуу атырды себинип алган кыздын деми анын башын айлантып жиберди. Дароо кучактап дүйнөдөгү адам баласына берилген изги ырахаттын даамын татып жатты.

- А сен укмуш экенсиң, - деди иш бүткөндөн кийин Лена.

- Кубатым жетишээрлик, бирок сага эч нерсе бере албайм.

- Мага эчтекенин кереги жок, мага келип турууга уруксат бер, - деди аймалаган Лена.

- Кааласаң кел, бирок кармайм деп ойлобо.

- Жарайт, көңүл ачуу сага деле керек.

- Аның туура, бирок жүгүрбөйм.

- Өз күчүңө ишенесиң го?

- Албетте, келгендерден күчүмдү аябайм.

- Азамат, чыныңды айттың.

- Эч кимди алдагым жок.

- Ишендим.

- Эми бар, мен эс алышым керек, бирөөнүн жанымда жатканы жарамды сыйрыйт.

- Сүйгөн кызың таштап кетти беле?

- Өзүм таштагам.

- Кызык экен. - Лена кийинип алып, туруп кетти. Ал тигил бөлмөдөгү Андрейге кетсе керек, анткени экөө тең аны менен көптөн бери жүргөнүн билет. Дал ушул окуя кийин да көп кайталанды. Андай күндөрү көз алдынан Мунара кетпей, анын башка бирөөнүн койнунда жатканын элестеткенде жан дүйнөсү тарып, жарасы сыздап кетет. Арадан бир жарым ай өткөндө ал баягы дарекке барды. Ал кабинетке кирип келип эле кубанып кетти, анткени аны каршы алган бир кездеги командири Салимбай Кумарович экен.

- Оо кел, Шакир, кайдан жүрөсүң? - деп ордунан тура калып, кош колдой учурашты.

- Келип калдым, - деп учурашкандан кийин Шакирдин болгонун болгондой кылып айтып берди. - Ушундай, Салим аке. Анан өз бактымды же болбосо шорумду көрөйүн деп элимден, жеримден бездим…

- Туура кылгансың, мен сага жардам берем, - деди Салимбай кайгырганына орток боло. - Бири кем дүнүйө деген ушул, кандай гана жигит элең, баары согуштун зардабы. Ну эчтеке эмес, өткөндү кайрый албайбыз, алдыга карай жаңы кадам менен барабыз. Жашоо кайда?

- Азырынча жашаган жерим вокзалда, жер шыпырам.

- Болду, эртең мен сага жумуш да, үй да табамын, - деп Шакирдинди кафеден тамактандырып, кетээрде колуна беш жүз рубль берип жөнөттү. - Эртең саат тогуздан кечикпе!

- Жарайт, - деп Шакирдин жашоого жаңы келген наристедей жүрөгү элеп-желеп болуп, дегеле турмушунда кайгырып көрбөгөндөй кудуңдап вокзалга келди. Келсе Андрей мас болуп жатып алыптыр. Ал күнү көп ишти өзү аткарды да, айлыгын эсептешип коюп, эртеси алмак болуп жатып калды. Ошентип жашагысы келбей, тирүүлүктүн түркүн кызыктары биротоло демин өчүрүп, көңүлүндө жалаң гана арман уялаган жигитке үмүт оту жылт-жулт этип, эртеси шайдоот туруп кеңсеге жөнөдү. Салимбай аны тосуп алып жумушка сүйлөшкөнүн айтып, бир бөлмө үйгө киргизди. Ошентип ал туруктуу жайлуу болуп иштеп жашап калды. Кээ-кээде кыз-келиндер менен көңүл ача койот, айлык акысы дурус. Күн санап баягы өкүнүчтөрү жуулуп, алдыда канча өмүрү болсо, ошол жашоону өкүнбөстөй өткөрүүгө бел байлаган чагы. Акча салып айылдагы ата-энесине кабарлашып турат. Мурдакыга караганда Москвага Кыргызстандыктар агылып келе баштаган. Өзгөчө Кара-Суудан, Оштон келгендер көп. Сооданы башынан өздөштүрүүгө шыктуу немелер заман өзгөрүлөөр замат соодага баш оту менен киришкендиктен, ал айылдаштарын издеп кыргыздардын базарына бош убакта көп барат. Ага акыркы жолуккан жердеши апасынын катуу ооруп жатканын айтты эле, дароо жөнөмөк болуп поездге белет алды. Арадан бир жума өткөндө келсе Адалатты жерлеп койгон экен. Ыйлап-сыктап мүрзөгө барып келди да, атасынын кал дегенине карабай жолго чыкмакчы болду.

- Балам, бияктан деле иш табылаар, кетпей эле койсоңчу, - деди Жоробек кыңырыла.

- Ата, ушул жерде мага жумуш таап бермек кайда, мендейлер миңдеп саналат, чоңдоруң болсо элди ойлобой бийликке жутунуп калганы качан?

- Иш болбосо мал-сал бар, жашоо өтөөр…

- Жок, мен кетишим керек, үстүмдө үйүм, иштеген ишим бар, ата, биерде айына эки миң-үч миң сом алсаң, аякта мен айына он беш миң сом алам. Силерге салып турам, малды көбөйтө бер, акыры келбегенде кайда барат элем.

- Мейли, балам, өз билгениңдей болсун, аман жүр, айтканың да туура, алты-жети жүз сом кароолчулукка алып иштейт биерде, - деп Жоробек баласынын жүйөөлүү сөзүнө муюп жөнөтмөк болду. Шакирдин Мунаранын үйү тарапты карап кечке маал ойлуу турган, бир убакта убадалашкандай эле Мунара аны көрүп жанына басып келди.

- Кандай, Шакир?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары дурус. - Келин күлгөнсүдү. - Тузу жок тамактай жашоо өтүп жатат, кээде дүлөй-дудуктаймын, кээде көзүм сокур жандаймын. Азыр уулум бар, анын кубанычы сени бир аз унуттуруп бараткансыйт.

- Эмне кылабыз, тагдыр…

- Сен неге менден баш тарттың? - деди Мунара ызалуу бир кездеги ашыгынын көздөрүнө тигиле.

- Сен мени жээрибейт белең? - деп Шакирдин кайра өзүнө суроо узатты.

- Эч качан.

- Кечир, сенин жаштыгыңды аядым.

- Жүрөгүмдөгү жанган отту өзүң үйлөп өчүргөнгө аракет кылдың, Шакир, мени өзүңдөн алыс түрттүң…

- Аргасыз…

- Неге??? - Келин муңканып кетти.

- Мени кыйнаба, Мунара!

- Кечир, сенин сүйүүң жалган экенине эми гана ишендим, - деп шарт бурулду.

- Кош, Мунар… - Келин үйүнө кетти, артынан караган Шакирдин: "Мен сени жан дилим, чын жүрөгүм менен сүйгөмүн. Сен жаркылдаган жакшына жарсың, менин жанымда сенин миң күнү жашап, бир жолу ирээнжий караган көз карашыңды көргүм келбейт, койнуңда түрү суук адамдын жатканы сага кандай болоорун билсең кана", - деп ойлонуп тура берди.

Ошондон> эки күндөн кийин Шакирдин Москвага жөнөп кетти. Жоробек эки баласы менен узатып кала беришти. Россияга келээри менен жумушуна келди. Өз милдетин так аткарып жашоосу жакшырып, күндөн-күнгө турмушундагы өзгөрүүлөр аны шердентип жүрө берди. Ага ар дайым бир орус кыз акча үчүн түнөгөнү келет, Шакирдин акчаны ага аянбай берчү. Бир күнү дагы келиптир, Шакирдин аны сүйүңкүрөбөй кабыл алды. Ошондо Галя ага жакындай отуруп:

- Шаха, - деди колдорун кармалап, аны кийин көбү Шаха деп атап калышкан. - Сен мага үйлөнөсүңбү?

- Эмне?

- Мени менен турмуш кургуң келеби?

- А сен менден жийиркенбейсиңби?

- Эмнеге, ансыз да сага көнүп калдым, эч кандай жийиркенбейм, сен макул болсоң мен сага тийем, - деп күлмүңдөй карады Галя.

- Билбейм, Галя, мен үйлөнүүнү али ойлоно элекмин.

- Үйлөнсөң мен сага сулуу бала төрөп берем.

- Мурда төрөдүң беле?

- Жок, али боюма боло элек.

- Канчадасың?

- Он жетиде.

- Жашыңда бузулгансың го?

- Ошондой, мени өгөй атам бузуп салган, ошондуктан апамды жек көрүп үйдөн чыгып кеткемин, менин чоңойгонума карабай күйөөгө тийип алганы үчүн жек көрүп калгам.

- Апаң жашпы?

- Отуз беш жашта.

- Сендей курагында төрөгөн го?

- Ооба, жигити таштап кетиптир, мен атамды билбейм.

- Башка бирөө менен жүргөн жоксуңбу?

- Жүргөмүн, алар сендей жашай албайт, жумушу жок.

- Мага акчам бар үчүн тиесиңби? - Сынай карады.

- Жо-ок, жашоо үчүн акча керек дечи, бирок сени өзүм тандадым. Эгерде мага үйлөнсөң мен сенин жаныңда гана болом, бала төрөп берем, бактылуу жашайбыз, айтканың менен болом, Шаха, - деп Галя аны бекем кучактап алды. Шакирдин аны өзүнөн алыс түрттү. - Эмне болду, сен мага үйлөнгүң келбейби?

- Жок, азыр кетип кал!

- Шаха, менин бараар жерим жок, кайда барам, кубалабачы, Шаха.

- Кереги жок, кеткин азыр, өзүңдүн жигитиңе бар, бизге үйлөнүүгө болбойт! - деп үңкүйүп отуруп калды.

- Жок дегенде бүгүн түнөп алайынчы, - деп Галя жалдырай карады.

- Болбойт дедим го? - Шакирдин ачуулуу бакырганда Галя сестене түштү.

- Бир эле күн, бүгүн гана…

- Макул, бирок өзүңчө жат! - деп тура калып ага төшөк берди. - Менин жаныма жолобо.

- Жарайт, - деди Галя аны жалдырай тиктеп акырын. - Менин кардым ач, бирдеме жегенге болобу?

- Болот, кардыңды тойгузуп ал, - деп кастрюлдагы тамактан куюп берди да, өзү ары жакка кино көрүп отуруп алды. Галя унчукпай тамак ичип, кайра жыйыштырып, идишти жууп коюп жатып калды. Шакирдин үндөгөн жок. Эртеси кыз эрте туруп кетип калыптыр. Жумушу кароолчулук болгон соң, өз мөөнөтүндө отурган эле, чоң гаражга товарларын кеч келгендер коюп эртеси алып кете турган. Ошо күнү ага бир келин келди, ал Кыргызстандык экен, товарын алдырып ийип, ар кайсы жактан издеп жүрүптүр. Шакирдинге кайрылды.

- Саламатсызбы, сизге суроо берсем болобу?

- Бере бериңиз, - деп башын өйдө кылганда келин дирт этип кетти, оозуна сөз кирбей апкаарый саамга көздөрү коркунучтуу тасмадагы мокочону көрүп тургандай болду. - Коркпой эле коюңуз, сизди Шакирдин Кожояров угуп жатат, - дегенде ал бакырайып:

- Жок-жок, мен…

- Айта бериңиз.

- Мен… мен ушул жерден товарларымды карап алсам болобу?

- Жок, мен ага жол бербейм.

- Суранам сизден, акысын жакшы төлөп берем, жөн гана көрөм, - Келин чыйпылдап ийди, кара тору, көздөрү үкүнүкүндөй төптөгөрөк капкара, кирпиктери узун экен, өзүнчө эле көркөм көрүндү.

- Кыргызстандын кай жеринен болосуң? - Шакирдин кыргызча сүйлөгөндө келин ого бетер таңгалды.

- Сиз кыргызсызбы?

- Окшобоймбу?

- Башка улуттан го дегемин.

- Кара-Суулук болом.

- Мен Жалал-Абаддан болом.

- Бир жерден эле болот экенбиз, бирок мен жардам бере албайм карындашым. Баары печатталуу, соттолуп кетишим мүмкүн, мойнума канчалаган товардын акысы илинип көргүлүгүмдү көрбөйүн. Кандайча уурдатып алдың?

- Поездден эле, менин товарларымды түшүрүп жатканда…

- Сак болуш керек эле.

- Кандай кылам, ушул жерге алып келгендей болду дешти.

- Ким айтты?

- Ошол жердегилер.

- Канча сумка эле?

- Беш мүшөк.

- Оо-оуу, ошончону алгыча билбей эмне кылып жүрөсүз?

- Поездден жайлашса керек, түшүргөндө өз мүшөктөрүмдү тааныбай калдым, баары бүткөндө карасам товарым жок.

- Поезддин кароолчусунан же коштоочулардан сурадыңбы?

- Алар товарың түштү деген да.

- Биринчи келишиңби?

- Ооба.

- Бул жерден күтө турган бирөө бар беле?

- Ал келбей калды.

- Анда башка жактан издебе, дал ошону издеп тап, сени алдаган окшойт, аны эми табышың кыйын.

- Кандай кылам, аке, акыркы акчамды поездге төлөгөнмүн, жанымда болор-болбос акча бар. Айласы кете туруп калган келинге Шакирдиндин боору ооруду.

- Сага жардам берем, бирок эртең гана, үч күн колум бош, ошондо кыргыз базарынан издейбиз, тааныйсыңбы аны?

- Ооба, жакын курбум эле, мени ал андай кылат деп ойлобойм, башкалар эле уурдады го? - деп келин көздөрү жашылдана Шакирдинди карады.

- Адамдардан баарын күтсө болот, керек болсо аялы күйөөсүн залогко таштай качып калбадыбы азыр. Ууру менен алдамчыны алыстан эмес өз айланаңдан издегениң туура, чоочун адамдар сенин кандай экениңди билбейт, же коштоочулар менен сүйлөшүп койгон.

- Эми кайда барам?

- Бул жерге отуруп таңды күтсөң болот, кир биякка, - деп Шакирдин эшигин ачып, келинди ичкери киргизди.

- Күйөөң барбы?

- Жок.

- Ким менен жашачу элең?

- Апам менен.

- Ажыраштың беле?

- Ооба.

- Балаң барбы?

- Жок.

- Бой экенсиң да? - Шакирдин ойлуу отуруп калды. - Мен дагы жалгызмын…

- Ушул жерден эртең менен карап көрсөм болоор…

- Ээлери келгенде карап көр, кардың ачпы?

- Жо-ок. - Келин колдорун жаный кымырыла отуруп калганда кардынын ачканын айтуудан тартынганын байкаган Шакирдин өзү туруп барып, жатаканадагы плитасына кукси буулап эки идишке даярдап келди. Анан нан, колбасаларды коюп:

- Талаада тартынбаш керек, минтсең жолдо каласың, сени байкаган шылуундар дароо колго түшүрүп сатып ийсе кантесиң? - деп жылмайган болду. Анын жылмайганы да көрксүз, жагымсыз болгондуктан, келин анын жүзүнө тик багып карагысы келбей баш ийкеди. - Атың ким?

- Шайлоо.

- Шайлоо күнү төрөлсөң керек?

- Ошондой го?

- Кардыңды тойгуз да, бул жакка жатып уктап ал.

- Жок, уйкум келбейт, - деп Шайлоо тамакка карады. Бул адам аны сыйкырлап ала тургансып, кээде көрүп калчу ужас кинолорду элестетип коркуп турганын бүжүрөп отурганынан эле көрүүгө болот. Анысын байкаган Шакирдин ээн-эркин тамактанып алсын дегендей туруп, эшикке чыгып кетти. Шайлоо ансайын үтүрөйүп тамагынан эчтеке өтпөй: "Эшикке эмнеге чыкты, бул түрү суук адамдын ою кандай болду экен? Эгер бир шеги билинсе качып кайда барам, же тааныш жер болбосо", - деп мелтиреп отура берди. Бир топтон кийин кирген Шакирдин анын эчтеке ичпегенин көрдү да, өз ордуна отурду. - Эмнеге ичпедиң?

- Кардым ток.

- Мунуң болбойт, алыс жол баскан кишинин карды ачат, чарчайт, Шайлоо. Сен менден коркпо, мен Ооганстанга барып согушта осколкадан ушундай абалга келип калгамын, сага жамандык кылаар оюм да жок.

- Жок-жок, коркконум жок.

- Анда тамагыңды ичип, тиги термосто чайдан ичип ал дагы жатып эс ал.

- Рахмат сизге, отуруп эле чыгам, товарымды ойлосом жанымды койор жер таппай турам, кайра эле кетмекмин, апам мени күтөт да. - Шайлоо ыйлап ийди. - Кайдан табам товарымды?

- Эми андан үмүт кылба, сендей эчендер алдырып ийип, жер сыйпалап кала беришкен, андан көрө бул жерде кандай күн көрөөрүңдү ойло, - деди Шакирдин аны карабай туруп. - Өзүңдү карма, канча кыз-келиндер өз алапайын таппай ар кандай жолго түшүп кетип жатышат, өтө кыйын, карындашым, сен өз абалыңды ойлошуң керек…

- Кандай кылам анда, кайда барам? - деди келин ыйламсырай.

- Эртең көрөсүң, таң атса эл товарларына келет, карап көрөсүң, таппасаң мен сени кыргыз базарга алып барам.

- Мм… - Шайлоо башын ийкей отуруп калды. Шакирдин көз кыйыгы менен карап, айласы куруп бүрүшүп, санааркап отурган немени аяп жатты. Үндөгөн жок, келин отурган жеринде уктап калганда үстүнө одеал жаап коюп, өзү ордуна жатып алды. Таң атаары менен үрөң-бараңда машиналар келип, товарын ачып жүктөй башташты. Шайлоо Шакирдин экөө фонарик менен издеп карап, дегеле тааныш баштыкты көрө алышпады. Саат сегизде баары алып кеткенден кийин Шакирдин күзөттү тапшырып, Шайлоону ээрчитип жолго чыкты.

- Сен эми тааныш издешиң керек, жок дегенде баш калкалагыдай.

- Көрөм го, мен тааныгандарды табуу оңойго тураар бекен?

- Эптеп тапканга аракет кыл.

- Аракет кылам, - деп кобураша шаарга келишти. Шакирдин алдыга түшүп алып, кыргыз базарын көздөй баратты. Шайлоо баарынан үмүт үзүп: "Эмнеге келдим экен, Бишкекте эле соода кыла берсем болмок, апам кандай күндө калат менсиз, эми кантип кетем, кудай ай", - деп, сары санаа болуп келе берди. Аңгыча катар-катар эптеп калкаланып алган базарга келишти, Шакирдин артына бурулуп Шайлоого кайрылды:

- Курбуңдун аты-жөнү ким?

- Махабат Тажибаева.

- Азыр, - деди да, өзүнүн тааныштарына барып сураштырып жатты. Бир кезде шакылдаган бир келин:

- Силер оптом товар ташыган Махабатты издеп жүрөсүңөрбү? - деди экөөнө.

- Ооба, анын местасы барбы?

- Жок, анын кайда жашаганын эч ким билбейт, эртең менен эрте келип товар өткөрүп кетти.

- Кана кайсыны? - деп чыдабай сурады Шайлоо.

- Мына, биерде баарыбыз андан алабыз.

- Мына мен алып келгендер, тааныдым, аке, ал акмак өзү кылган тура! - Шайлоо ыйлап ийди.

- Эми ал качан келээрин билбейсиңерби?

- Ал дайыма товарын өткөрөт да кетет, - дешти.

- Эмне кылдык, тааныштарың бар бекен? - деди Шакирдин келинге карап. - Мен кете берсем болобу?

- Мен бир аз карап көрөйүн, - деп Шайлоо элеңдей базарчыларды карап жүрдү, көзгө тааныш эч кимди көрө албагандан кийин: - Эч ким жок, кандай кылам? Сиз бара бериңиз, мен эптеп сүйлөшөрмүн, - деди шалкы бош.

- Макул, жолуң болсун, - деп Шакирдин жөнөй берди, бир топ узай бергенде Шайлоо артынан жете келди.

- Сиздин үйүңүздө бир аз күн турууга болобу?

- Эмнеге?

- Махабатты күндө келип, бу жерден аңдышым керек.

- Мен бул жерден алыс турам.

- Эмнеси болсо да баш калкалап турууга ыракым этиңизчи? - Шайлоо үмүттүү тигилди, көздөрү бир башкача муңга батып турган эле.

- Жарайт, - деген Шакирдин басып кете берди. Шайлоо ал түшкөн унаага түшүп, бирге келе жатты. Көп узабай көп кабаттуу үйдүн алдына келип, өйдө көтөрүлүп үчүнчү кабатка келишти. Шакирдин 57-бөлмөнүн эшигин ачып:

- Кир, - деди. Шайлоо ичкери кирип таңгалды, эки бөлмө үйдө баары бар эле. Жашоосу жакшы, үй ичи абдан жасалгалуу, баары жетиштүүдөй экен. Шакирдин тикесинен туруп калган Шайлоого караганда ал тайсалдап:

- Кечирип коюңузчу, мен сизге тоскоол болбос бекенмин? - деди үнү дирилдей.

- Баары бир туура болду.

- Ыраспы, жаман көргөн жоксузбу?

- Неге, ансыз да жалгызмын, отур биерге, - деп креслону көрсөттү. - Эс ал, уйкуң келсе диванга эс ала бер, - деди да, өзү кайра чыгып кетти. Келин канчалык коркуп турса дагы: "Жакшы адам экен, жаш эле болсо керек, согушка катышканы чын болду бекен, жаман болуптур", - деп ойлоду. Кайра Махабатка жини келе кекенип алды. "Акмак, кантип ушуга барды экен, мени менен ушул бойдон көрүшпөй кала тургансып кылганын кара. Мени талаада ачтан өлүп калат, билинбейт деп ойлогон го, кантип?" - деп ойлонуп жатып көзү илинип кетти. Сырттан кирген Шакирдин жумшак креслодо отуруп уктап калган келиндин үстүнө одеял жаап коюп, тамак жасады. Эзели ичимдик ичпеген ал ушул ирет көңүл көтөргүсү келди, жакшы винодон экини алып келген. Тамак бышканча кино көрүп отура берди. Кеч күүгүмгө чейин ойгонбой уктаган келин көзүн ачып, терезеден караңгы кирип калганын көрүп өйдө болду да, ажаткана издеди. Шакирдин ага көрсөтүп коюп, тамагын даярдап, үстөл үстүн толтуруп койду.

- Уктап кетиптирмин, - деди күнөөлүүдөй кайра келген Шайлоо.

- Эчтеке эмес, жакшы эс алдыңбы?

- Жакшы, рахмат.

- Кел эми, сени күтүп тамак ичпей отурам, тамактаналы, - деди Шакирдин.

- Иче берсеңиз болмок…

- Кантип, күндөгүдөй жалгыз болсом го бир жөн… - деп тамакты куюп келип, асты-астына койду. Анан үндөбөй бокалдарга шараптан куюп, - Кел эми, карындашым, таанышканыбыз үчүн мындан алып койолу, - деди бокалды көтөрө.

- Мен ичпейм, аке.

- Мен да ичпейм, сени менен бир аз ичип койойун дедим, сен коноксуң, алып жибер, ишиң орундалсын, Махабатты таап өз жазаңды берээрсиң, - деген Шакирдин ага карап калды.

- Алчы эмес элем, сиздин кең пейилдигиңиз үчүн алып койойун, эгерде сиз болбосоңуз мен эмне болмокмун, - деп Шайлоо бокалды колуна алганда Шакирдин ага акырын тийгизип койду.

- Аман бололу!

- Ден-соолукта бололу, - дешип алып жиберди.

- Сүйбөй тийдиң беле? - деп сурады Шакирдин капысынан.

- Ала качып алган.

- Жакпадыбы?

- Ооба.

- Кыз бечара… - Шакирдин ойлуу кайрадан кызыл шараптан куйду. - Кыздарды буюмдай көрүшөт…

- Сиз үйлөнгөнсүзбү?

- Жок. - Шакирдин ага өз тагдырын айтып берди, айтып отуруп терең ойдо оор улутунуп алды.

- Эчтеке эмес, сиз мекендин ыйык милдетин аткарууда зыян тартыпсыз, демек сиз өкмөт үчүн абдан керектүү да, кадырман да адамсыз, - деп Шайлоо сүйкүмдүү жылмая карады.

- Рахмат, бир аз болсо да көңүлдү көтөрүп койдуң, Шайлоо, сен дагы аман бол, - деди Шакирдин. Андан кийин бир топко үнсүз үңкүйүп отурду да, кайрадан вино куюп сунду. - Кел эми, Шайлоо, сен менин коногумсуң, эч кандай каршылык кылуунун кереги жок.

- Макул, сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Үйүңүздө отурганым үчүн эмес, ушундай кезде күтүүсүздөн жолукканыма, сиздин даамыңызды татканыма кудайдын насиби болсо керек, каршы эмесмин, - деп күлө Шайлоо дагы бокалын көтөрдү. - Сизге ден-соолук каалайм!

- Рахмат, сага да… - Экөө алып ийип, закускадан чайнап отуруп калышты. Бир топтон кийин Шакирдин альбомун алып келип, Шайлоого берди. Эң биринчи бетинде аппак бантикти эки өрүм чачына байлаган бакыраң көз кыздын сүрөтү, андан кийин аскердеги сүрөттөр, эң кийинкиде жанагы эле кыздын сүрөттөрү жүрөт.

- Бул карындашыңызбы? - деп Шайлоо Шакирдинди суроолуу карады.

- Жок, ал Мунара.

- Сулуу кыз экен.

- Эми ал таптакыр башканыкы, Шайлоо. Менин жүрөгүмдө ошол жаш секелек бойдон гана калды, унутулбаган махабат оорусуна чалдыккан жүрөгүмдү айыктыра алгыс болдум… - деп кобурай Шакирдин башын төмөн салып отуруп калды.

- Сүйүүгө ишенесизби? Балким бул жөн эле жакшы көрүүдөн пайда болгон сезимдир?

- Жок, сүйүү эң ыйык сезим, аны булгабашыбыз керек, сезимиң ошол адамга таза болсо аны ошол таза бойдон сактоого аракет кылыш керек. Чынында сүйүү деген өзүнчө дарт, ал дарттан өзүң сүйгөн адам гана айыктырат, эгерде өмүр бою көрө албасаң, түбөлүк жүрөгүңдө айыккыс дарт кала берет.

- Кыйын экен, мен сүйүп көрө элекмин.

- Сүйүп көрбөй эле койгонуң дурус.

- Неге?

- Ал дартты сурап алгандай болосуң.

- Сүйүп көргүм келет, мына сизден улам…

- Эмнеси жакшы?

- Балким жаш кезде сүйүп да, сүйдүрүп да жашаган жакшыдыр…

- Болгону оору, азыр биз экөөбүз эки жакта азап чегип жатабыз, мунун кимге кереги бар?

- Кечириңизчи.

- Кечирим суроонун кажети жок.

- Сизди суроолорум менен тажатып ийдим окшойт. - Бир аз вино ичкенге Шайлоонун жүзү албыра көздөрү күлмүңдөй күлкүсү чыга баштады.

- Эч кандай, кайра ичтеги бугум чыгып эс ала түшкөндөй болдум.

- Ыраспы, тажаган жоксузбу?

- Жок, тажабайм, - деген Шакирдин келиндин тамылжыган жүзүн суктана карап койду да, бош бокалдарга винодон куйду. - Мен дагы бир азга сергип калдым, сага жолукканыма абдан кубанычтамын. Жалгыздык өтө оор экен, жалгыздыктын зардабын тарткан мен эле эмес болушум керек дечи, баарын көтөрүүгө туура келет.

- Сизге рахмат, андан көрө келин-кесек болсо үйлөнүп алсаңыз болмок экен.

- Мисалы, сен мага турмушка чыгат белең? - Шакирдин келинди тике карап калды. Шайлоо көзүн ала качып, сөз табалбай тайсалдай түштү. Шакирдин ичтен онтоп жиберди. "Да-а, сен макул болбойсуң, көңүл тартпаганга менин да баш байлагым жок, күйүтүмдү тагдырыма шылтап коюп, өмүр өтө берет, өтө берет", - деп ойлонуп отуруп калды.

- Кечириңиз, мен сизге кандай деп жооп берээримди да билбей калдым, бирок сизге жакшы келиндер учураарына көзүм жетет, - деди келин дароо жүзүн өзгөртө. - Бир көрүүдө адам өз тагдырын кайдыгерликке сала албайт эмеспи.

- Туура, бул жөн гана сөз, кел мындан ичип отуралы, тамак муздап кетти, алып отур.

- Алып жатам, мынчалык сыйлайт деп күткөн эмесмин.

- Адамдар аманат жандар, курт-кумурска, жан-жаныбарлар дагы, бирок жараткан адамдарга ашыкча акыл берген. Кыска жашоосунда ар бири ойлогон максаттарын жүзөгө ашырууга тийиш, максаты жок адамдардын жан-жаныбардан айрымасы кайсы, же адамдар болгону тукум калтыруу үчүн жаралыптырбы? - Шакирдин негедир колундагы бокалды бекем мыкчый кармап, телмирип отуруп калды. Аны карап отурган Шайлоонун боору ооруп кетти, "Не деген акылдуу адам, аскердеги сүрөтүндө өрттөй жанган жигит экен, сулуу да болуптур, кайран жан, согуштун курмандыгы болгонун карачы", - деп унчукпай ойлуу отура берди. - Кел, Шайлоо, алып койолу, мен эч качан ичкен эмесмин, бүгүн негедир ичким келди…

- Сиз менен ичем, - деп күлүп койду Шайлоо.

- Анда кеттик!

- Кеттик! - Экөө күлүп калды. Канчадан бери жакшылап көңүл ачып же бир дагы жолу кабак ачып күлбөгөн Шакирдин ушул кеч жаркылдаган жаш келиндин жанында күлүп отурду. Эки вино түгөндү, Шайлоо туруп дасторконду жыймак болду, бирок башы айланып отуруп калды. Шакирдин өзү жыйнап коюп, келинди колтуктай диванга жаткырды.

- Эс ала бер.

- Ке-кечирип ко-юң-узчу, мен кызуу бо-олуп калдым…

- Эч нерсе эмес, - деп Шакирдин ага жууркан жаап, өзү ордуна барып жатып калды. Түн жаңы эле өз караңгылык пардасын тартып, элдин алды оор уйкуга кирген убак. Күчкө толуп турган отуздардагы жаш жигиттин уйкусу келээр эмес, ары оодарылып, бери оодарылып жатып акыры чыдамы жетпей ордунан турду. Акырын келин жаткан диванга жакындады, чачтары уйпаланган келиндин уктап жатканы ага абдан сулуу көрүндү: "Мен жүзүмдүн көркүнөн ажыраганым менен күч кубаттан ажырай элекмин, тирүү жанмын", - деп ойлоду да, келиндин үстүндөгү төшөктү акырын көтөрө астына кирип, бойлошо жатып калды. Келин эч нерсе сезбеди, анан Шакирдин акырын өз аракетине киришти. Бирок келин негедир унчуккан жок, же өзү деле эркек жытын сагынып калганбы, бир аздан кийин колун мойнуна ороп, өзү да аракет кыла баштады. Экөө ошентип төшөк ичиндеги оюнда бирдей берилгендик менен рахатка батып, бир топтон кийин гана жатып калышты. Шайлоо көпкө мелтирей жатып, анан:

- Сиз укмуш экенсиз, - деди чалкасынан жаткан бойдон.

- Бир гана жүзүмдөн айып болбосо кадимки эле эркекмин.

- Түшүндүм, пластикалык операция жасатсаңыз болбойбу?

- Каражат керек.

- Көп керек бекен?

- Бир миллион.

- Оо-ой ий, ошончо керек бекен?

- Ооба, кайрылып көргөмүн, меники сөөктөрү да талкаланып кеткен, анын баарын калыбына келтириш керек, сөөк коюш керек, кыскасы бир миллион да жетпейт.

- Абдан кымбат турбайбы…

- Ошондой.

- Сиз аракет кылган экенсиз да.

- Ооба, врачтарга кайрылгамын.

- Акча жыйнашыңыз керек экен анда.

- Аракет кылып жатам.

Андан кийин уктап калышты. Шакирдин келинди бекем кучактап алган, Шайлоо дагы унчукпай анын эрки менен койнунда жата берди. Эртеси эрте турган Шайлоо кетип калмак болгону менен көп ойлонду, анын колунда болор-болбос гана акчасы бар эле. Кыңырыла босогого келип эми чыгаарда Шакирдин кирип:

- Кетип жатасыңбы? - деди.

- Кетейин, сизге чоң рахмат.

- Эмне үчүн?

- Бардыгы үчүн.

- Кайда барайын дейсиң?

- Махабатты аңдыйм.

- Ал эми келбейт чыгаар.

- Эмнеге?

- Сенин издегениңди билсе…

- Баары бир ал базарга келет болуш керек, күндө таң аткандан кеч киргенче көз айрыбай карасам да акыры кармайм.

- Аракет кылып көр, кечинде келесиңби?

- Көрөм го…

- Мен сен келгенче тамак жасап күтүп турам.

- Макул, мен кеттим, - деп Шайлоо чыгып кетти. Шакирдин өзүнчө ойлуу отуруп калды. Ал ушул жакшынакай жаш келин өзүнө жар болсо деп тиледи, бирок ал тилеги орундалбасын жакшы билип турган болчу. Шайлоо бир жумадай жүрдү, Махабатты табалбай аргасы кетти. Туура жети күн өткөндөн кийин эртең менен эрте базарга келип, бир аз күтүп тургандан кийин айнектери караңгылатылган бир машина келип токтоп калды. Андан түшүп келе жаткан Махабатты көргөндө Шайлоо кубанып кетип жетип барды. Махабат аны таанымаксан болуп ары басты.

- Махабат, кандай акыбалың?

- Жакшы, жакшы, сен ким элең?

- Эмне дейсиң, мени тааныбай калгандай сен ким элең дейсиң да, товардын жарым пайызын мага бер кетем.

- Кайсы товар? - Махабат аны каштарын жыйра карады. - Сен эмне деп жатасың?

- Аңкоолонбо, Махабат, мени алыстан чакырып алып, орто жолдон товарды алдыртып алып, эми мени таанымаксан болгонуң кандай? - деп Шайлоо аны жакадан алды. Мындайды күтпөгөн Махабат аны түртүп жиберди.

- Жардам бергилечи, мына бул келин мени башка бирөөгө алмаштырып алган го, мен муну такыр тааныбайм! - деп экөө ызылдашып калганда эл аларды тегеректеп калды.

- Бети жок акмак, курбум деп ишенип айтканыңды аткарып, ошончо жолдон келсем, сен мени талаага калтырганың үчүн жазаланышың керек, акмак десе, мен элчиликке кайрылып, сени соттотомун!

- Мен сени тааныбайм!

- Ата-энеңе барганда, менин апама жолукканда далилдейм, жүрү азыр сени бул жердеги Кыргызстандын элчилигине алып барам, - деп колунан сүйрөгөндө Махабат жулкунуп барып, машинага отурду.

- Айдаңыз кеттик, - деди шаштыра, такси ордуна жылганча Шайлоо жетип барды.

- Токто, сен качсаң ата-энеңден төлөтүп алам, акмак, алдамчы, акча үчүн абийириңди сатууга даяр экенсиң да? - деп эшикке жабышты эле Махабат таксистке кайрылды:

- Эмне турасыз, айдабайсызбы?! Такси ордунан жылганда Шайлоо сүрдүгө жыгылды. Аны бир-эки аял колтуктай тургузуп:

- Бул аял аферист, канча адамды сыздаткан имиш, биерде анын тааныштары дагы бар экен, байкоосуздан кабылган экенсиң, - дешти.

- Бирге окуган курбум…

- Ой шерменде-е, сени ушинтсе башканы оңой эле алдайт да.

- Мен бул жерде болгон эмесмин, колумда акчам да жок, болгонуна товар алып поездге төлөй бер деген да, эми тааныбайм дегенин кара.

- Адамдардын ниети бузулду, бири-бирин алдап өлтүрүүгө да даяр, минтип үй-жайыбыздан безип жүрөбүз, - деп Шайлоону жооткото ар кайсыны айтып жатышты. Шайлоо ыйлап жатканда ары жактан Шакирдин көрүндү. Ал дайыма анын артынан акмалап келип кете турган, себеби Махабатты таап калса айылга кетип калабы деп өзүнчө эле коңултактай берчү болгон. Азыр жумушунан чыгып кеч келип, элдин үймөлөктөшүп турганынан басып келди. Шайлоо ызасына чыдабай ыйлагандан башка сөз айта албады.

- Эмне болду? - деди Шакирдин өз тааныштарына учурушкандан кийин.

- Махабатты көрдүм, ал мени…

- Ушундай болоорун билгемин.

- Эми эмне кылам? - Келин көз жашын көлдөтүп турду.

- Ойлонуп көрөлү, балким иш табылса иштеп калаарсың?

- Апам кайра эле кел деген.

- А сен жүктү жөн эле салып жиберсең болмок, бекер алданыпсың да, же сени атайлап талаага таштагысы келген.

- Эмнеге, мен ага эч кандай жамандык кылбасам.

- Ким билет?

- Эмки жумада кел, карындашым, биз бул жердеги кыргыздар сага акча жыйнап берели. Махабат кудайдан көрөт азабын, сендей биздин карындашыбыз, кыздарыбыз бар, кантип сени ыйлатып таштап койобуз, - деди ошол жердегилердин улуурагы, кырк-кырк бештердеги киши. - Кандай дейсиңер, туугандар, дагы бир кызыбыздын бул жерде калып кор болушун каалабайбыз да.

- Туура, туура айтасыз.

- Ансыз дагы канча кыздарыбыз көчөдө калып жатат.

- Биз макулбуз.

- Каршы эмеспиз.

- Эмесе сүйлөштүк, кызым, дал ушул менин орунума келгин, эмки жумага чейин чогултуп койом, макулбу?

- Рахмат, байке, сиздерге абдан ыраазымын, сиздердин дарек-жайыңарды ала кетип кийин салып жиберем, - деп Шайлоо кубанып кетти. - А Махабат мага үч-төрт эселеп берет, андан төлөтүп алаарыма ишенем, - деди да, баарына ыраазычылык билдирип, анан акча чогултуп бермек болгон адамдын аты-жөнүн сурады. Бектемир деген киши экен. Аялы экөөлөп соода жасашканын билген соң Шакирдинди ээрчий жөнөдү. Анын капалуу жүзүнөн улам Шакирдин сүйлөбөдү, келин кетип калса кайрадан жалгыздыкка тушугаарын сезип, ичи ачышып турду. Унчугушпай үйгө келгенден кийин Шакирдин Шайлоону отургузуп коюп, өзү тамак жасады, бир аздан шарап ичишти.

- Көп капалана бербе, адамгерчиликти билбеген неме болсо керек.

- Жакшы эле болчу, мен ага таңгалып калдым, сиз ошол тушта болбой калбадыңызбы, анын мени тааныбайм дегенине таңгалдым.

- Сени ал таппай калат деп ойлогон, сенин базардан жолугаарыңды билбеди, демек ал сени атайылап калтырган.

- Эмнеге, мен түшүнбөй калдым, эмнеге ушуга барды? - деп Шайлоо ыйлай берди, көпкө ыйлады. - Дагы жакшы, сизге жолугуп калбаганда кантет элем?

- Бул кудайдын буйругу.

- Туура, сизге жолукпаганда эмне күндү көрөт элем?

- Кейибе, болоору болду, азыр эки адамдын бири ууру-кески.

- Ошондо дагы бала кезден бирге окуган досун алдаганы…

- Ой азыр бала-чакасы бар аялдар күйөөсүн барымтага таштап коюп, качып кетип жатпайбы? - деп Шакирдин ага жылмайганда:

- Ка-антип эле?.. - деп таңдана карап калды Шайлоо.

- Ушинтип эле.

- Эптеп эле кетсем экен, жаман тажап кеттим.

- Эмнеден тажадың, Шайлоо?

- Жөн эле тажадым, апамды көргүм келип кетти, эгерде сизге жолукпаганда апамды көрбөй калмак экенмин, кудайга шүгүр.

- Буйрук да, Шайлоо, эгер экөөбүздүн аз күндүк насибибиз бирикпесе, биз эч качан жолукмак эмеспиз. Мен сенден бөлүнгүм келбейт, бирок сени зордоп алып кала албайм, аргам жок, Шайлоо, эгерде…

- Эмне?

- Эгерде бирдеме болсо мага кабарла, Шайлоо, өзүм багып алам.

- Ошондой болот дейсизби? - Шайлоо ишеңкиребей карап калды.

- Болушу мүмкүн, Шайлоо, мен ушул бойдон үйлөнбөй калышым мүмкүн, сенден көптөн көп суранам, сенден кабар күтөмүн. Жолуңа базардагылардан алба, өзүм жөнөтөмүн, аз күндүк сенин берген ырахатың менде үмүт отун тутандырып койду, жыл бою сага мен үмүт менен кулак түрөм. Менин сага аманатым ушул.

- Ошондой болсо мага деле бала керек, төрөп алам, - деди Шайлоо эмелеги капа болуп турганын унуткандай күлүмсүрөп. - Сизге дагы айтпайм, кубана багып алам.

- Ыраспы, алдырып койбойсуңбу?

- Эч качан.

- Рахмат, - деген Шакирдин ары жакта турган чемоданынан атайын даярдап койгон кулону бар алтын чынжырды алып келди. - Бул менин сага берген белегим болсун, менин аз болсо да көңүлүмдү ачып, адам экенимди эсиме салдың, а бул жол киреңе. Апаңа да бир нерсе алып ал, себеби сенде менин кымбат буюмум кетип жаткандай сезип турам, - деп ордуна отурду. Шайлоо үндөбөй калды, чынында эмне демек, бир жума мурун эле көргөн адамы менен болуп көрбөгөндөй кызыкка батканы менен деги бир оюна келбес сөзгө таңданып турду. Үндөбөй алдына койгон беш жүз долларды бир, Шакирдинди бир карап тура берди. Шакирдин тамагын алып келгенде деле козголбоду, Шайлоо аны буга барат деп ойлобогон.

- Эгерде эч нерсе болбосо кантем, балким эч нерсе болбойт чыгар, анда сиздин карызыңызды кантем? - деди көптөн кийин.

- Анда адамгерчилигимди айта жүр.

- Мени кыйын абалга туш кылдыңыз.

- Сен өзүңдү эркин сез, менин алдымда карыздармын деп ойлобо.

- Кызык болду, он күндүн ичинде кыйын да, таңгалыштуу да көрүнүшкө туш болдум. Россияга келип курбум менен шаар көрөм, товар өткөндөн кийин курбумдун коштоосу менен Кыргызстанга жөнөйм деп ойлогом, баары теңирден тескери чыкты…

- Мени менен болгонуңа өкүнгөн жоксуңбу?

- Жок, өкүнгөнүм жок.

- Рахмат, Шайлоо, негедир өзүмдү таптакыр эле адам деп эсептебей калгамын, сен мени тирилтип кеттиң, мага жан бердиң, ошол үчүн сага ыраазымын, - деп Шакирдин келиндин жанына келип, ийинден ала өзүнө тартты. - Мени менен калбайсыңбы?

- Апам күтүп жатат, ал карыган киши, мен анын жалгыз кызымын, кыйналып калат, аны таштай албайм.

- Макул, үй телефонумдун номерин ала кет, бир айдан кийин звоногуңду күтөм, Шайлоо, сен мага кубантаар жаңылык айтсаң сөзсүз акча саламын.

- Кубанаарлык жаңылык болсо сөзсүз айтамын, бирок болбосо капа болбоңуз ээ? - деп жылмая карады келин.

- Жашырбайсыңбы?

- Жок, жашыргым келбейт.

- Макул анда, мен дагы чарчадым, эс алалы, эртең сага белет алып келип, анан бир аз шаар көрсөтөйүн, - деп Шакирдин өйдө болду. Шайлоо абдан ойлонду. Ойлой берип, башы ооруганда гана төшөккө жатты, Шакирдин болсо анын жанына өзү эле келип жатып алды. - Менин сенден балалуу болгум келет, сендей келин мага уул же кыз төрөп берсе, сен башка күйөөгө чыксаң дагы төлөп турам, баланы гана мага берсең болду, - деп кучактап өөп, чачынан сылады. - Кеткениңче бирге бололу, каршылык кылба.

- Макул.

- Алтышка, ыраазымын сага.

- Мен дагы ыраазымын, караңгыда капыстан жол тапкандай сизге жолугуп калганыма шүгүр, болбосо эмне күндү көрөт элем?

- Мейли эми, уктайлы, - деп жигит келинди кучактап жатып калды.

- Уктайлы…

Махабат эки кыз, үч уул бир туугандын үчүнчүсү. Апасы Сайракан күйөөдөн-күйөөгө чыгып, беш баласынын атасы беш башка, колунда эки кыз, бир уулу бар, эки эркеги аталарында калган. Узун бойлуу эткээл сары аял, жашы өйдөлөп алтымышка жакындап калса дагы кашы- көзүн бойоп, эркектерди көргөндө кылыктана күлүп турат. Улуу кызы турмушта, Махабаты менен баласы Абдимитал катар мектепти бүтүп-бүтпөй соодага чыгып, же андан жолдору болбой, кээде үйдө калышат. Акыркы убакта Сайракандын батирине бир ак чач адам келип калчу болду, ал келгенде кыткылыктай күлүп, кылыктанган аял уул-кызынан деле уялууну билбейт. Сайракандын секрет соодага өтүшүнө дагы ошол ак чач адам себепкер болду. Себеби ал үйүнөн эле телефон менен сүйлөшүп, товарды алып калып, бирөөлөр түндөп алып кетчү болгон. Бир топ ирденип калганда Махабат:

- Апа, мен Россияга товар ташыйм, акча керек, - деди бир күнү.

- Кайда бармак элең, тааныш болбосо Россияга эмне бар?

- Барам, сен Абдимиталды кара, мен өзүмчө соода кылам.

- Жөн жүр, ушуга шүгүр деп жүрө бер, соода кылсаң ушул жерден места алып берейин.

- Кереги жок, мен бир тааныш менен иштешем, ошону улантып, өзүмчө иштейм, бербесең анда да кетем, - деп тултуңдаганынан товар алышып, өзү белет алып, поездге салып койду. Ошентип өз киндигин өзү кесмек болгон Махабатка өзүнө окшогон бир келин таанышып калды. Ал Чынара деген нарындык келин. Экөө бир купеде баратып, сүйлөшүп калышты. Жаңы гана Россияга бараткан Махабатты ал сынай карады:

- Барганда каерге барасың?

- Көрөм да.

- Токтор жериң же күткөнүң жокпу?

- Жо-ок, өзүм эле келе жатам.

- Ии-ий, - деп койду Чынара. - Менин батиримде киши барбы же жокпу билишим керек, бар болсо ошол эле жерге алпарып сага жол көрсөтүп койойун.

- Андай болсо жакшы болот эле…

- Кам санаба, бири-бирибизге жардам бербесек болбойт да, - деген Чынара Махабаттын үч сумкасын көрүп, кым деп алды. Москванын вокзалына жеткенде түшүп, буту-колун жазып, анан Чынара Махабатты карады. Ал эмне кылаарын билмек, андан үмүтү зор эле.

- Сенин батириңе баралыбы?

- Такси кармайсыңбы?

- Макул, сен турган жерге канча менен алып барат?

- Арзан эле, мен сүйлөшөм, сен төлөп кой, - деген Чынара андан ары кандай кылаарын билбей жатты. Эптеп мунун товарын алдап кеткиси келип турган менен айласын таппай, мурда бир товар койгон жерине алып бармак болду. Такси менен келди да: - Мен кирип чыгайын, - деп машинеден түшүп кирип кетти. Бир аздан кийин кайра чыкты. - Жүрү кирип коюп койолу, азыр кулпулануу экен, жүктү хозяйканын үйүнө койо туралы деп сүйлөштүм, эртең менен эрте келели, - деп шыпылдай жүктү көтөрүшүп кирди. Махабат күмөн деле санаган жок.

- Өзүбүз кайда барабыз? - деди суроолуу тигиле.

- Эжем жашаган батирге барабыз, алар көп аябай, он бештей адам бирге жашашат, эптеп батып алабыз да.

- Макул, иши кылса базарды көрсөтүп койсоң болду.

- Эми сен экөөбүз бирге соода кылабыз, өзүмдүн жанымдан орун алып берем, - деп жүктү коюп, таксини андан ары айдатты. Акысын Махабат төлөдү. Бир маалда жапысырак үйлөрдүн жанына келишти. Чынара: - Мен бул үйгө кирип, эжеме алдын ала айтып койойун, антпесе ал ачууланышы мүмкүн, - деп, жооп күтпөй эле ылдамдай басып жөнөдү. Махабат андан эч арамдык күткөн жок, болгону бир ай мурун: "Россияга барсаң мага чалып кой", - деген тааныш эжесин эми эстеди. "Эртең чалайын, почтаны Чынара көрсөтүп койоор", - деп көпкө күтүп калды. Жайкы түндүн муздак абасы чыйрыктырып ийди, акыры ал Чынара кирген жакка барып караса дегеле тешик көрүнбөйт. Чынара ал жерде жашачу эмес. Ал ары көздөй айланып барып, аркы көчөдөн башка такси жалдап, дароо эле товарды калтырган жерден түндөп алып кетти. "Азыр өз атаң болбогондон кийин ишенип болобу, каңгы баш алданып кала берди, мени эми таап көрсүн", - деп жымыя кетип баратты. Махабат аргасы кете ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жүрүп, дарбазаларды каккылап жатты. Бир кезде темир дарбаза ачылып бир караан пайда болду. Махабат орусча жакшы билчү, орус кемпирди көрүп:

- Бул жерде батирде тургандар барбы? - деди шашыла.

- Жок, кызым, биз адам албайбыз.

- Ушул арада көп адамдар жашаган батир бар деди эле.

- Мен билбейт экенмин, жарыкта гана издешиң керек го?

- Энеке, жатаар жерим жок, мени ушул жакта жашайм деп, бир кыз ээрчитип келген, - деп аргасы кеткенде ачык айтты.

- Азыр баары алдамчы, кызым, биз батир бербейбиз, жаныбызда болсо студенттерден экөө жашаганын билем, алар балдар. Мындан өйдө жашаса билбейм, - деп орус кемпир кирип кетмек болгондо Махабат ыйламсырап ийди.

- Бир түнгө акысын төлөйм, эртең эле кетем, эже, - деди эле кемпир боор ооруду окшойт, үйүнө кирип, чалына кеңешип кайра чыкты.

- Кире гой, кызым, - деди анан эшигин ача. Махабат ошол кезде кайра ойлонду: "Товарымды кайдан табам, анын кайсы көчөдө экенин да билбейм". Эмнеси болсо да таң эрте туруп кетмек болду. Бир түнгө жүз рубль берип, бир бөлмөсүнө жатып калды. Эртеси эртеменен такси менен кыдырды, бирок караңгыда көргөн жерин таппады. Ыйлап кайда бараарын билбеди, алып келгени бүт шейшеп болчу. Анан почтаны сураштырып таап, Мээримге чалды, ал дароо эле вокзалдан жолукмак болду. Бир сааттай убакыт өткөндө Мээрим келип калды. Экөө учурашкандан кийин Махабат ыйлап туруп болгонун айтып берди, Мээрим кабак бүркөп:

- Мен сага чыгып жатканда чал дебедим беле, эми эмне кыласың? - деп сүйбөгөндөй карады.

- Эже, менде акча бар, батир тапсам, иш издейм.

- Ишти оңой таба койбойсуң, канча акчаң бар?

- Сом менен беш миң, - деп Махабат анын түрүнөн абайлай, болгон акчасын жашырып койду.

- Батир жалдаганга, тамак-ашыңа жетсе…

- Жетеби анан?

- Жүр эми, эптеп менин батиримде туруп, жумуш изде, - деп экөө кайра таксиге отурушту. Мээрим аны өзүнүн жашаган батирине алып келди. Батир дегени чо-оң зал экен, алдыңкы подвалында дагы кыргыздар жашайт экен. Кирип барып Махабаттын эси ооп калды, ар кимисинин кийимдери, буюмдары чачылып жатат, Мээримдин кийингенине караса мындай жерге отурчудай эмес. Киргенден кийин:

- Биздин жашоо ушул, мен швеяда иштейм, сенин ага шыгың жок да, - деди Мээрим. - Жакшы билгендерди гана алат.

- Ага иштеп көргөн эмесмин, сооданы билем.

- Ал үчүн тааныш болуш керек, сатуучулукка деле алат, издеш керек.

- Эми кандай кылам, ошол Чынарды бир көрсөм көрсөтөт элем.

- Шаар чоң, кайда жашаганын билбейсиң, андан үмүтүңдү үз, - деген Чынара жумушуна кетмек болду.

- Мен эмне кылам, көчөдөн жумуш издеген жакты да билбейм, анан кайра таап келе аламбы? - деп ыйламсырады Махабат.

- Ооба, эки жакты байкап ал, жоголуп кетип жүрбө.

- Кандай иш издээримди билбейм.

- Мен кайдан билем.

- Сиз базарды билесизби? Кандай кылам анан?

- Жатаар жериң бар, эптеп беш миң сомуң менен иш баштасаң болот чыгаар…

- Чын эле, эртең базарды көрсөтүп коюңуз.

- Макул, бүгүн бул жерде боло бер, эртең базардан бирдеме алып сатсаң көнүп кетесиң, - деди Мээрим. Ошентип Махабат ал күнү аерде калды. Кечинде ар кай жакта иштеген аялдар, кыздар келип, бөлмө ичи толуп кетти. Алар эптеп төшөктөрүн жая салып эле өз-өзүнчө жатып калышты, эки-үч бала да жүрөт, алар чоң аялдардын баласы өңдүү көрүндү. Махабат бир кыз менен сүйлөшүп калды. Ал бир орус аялдын үй жумушун жасайт экен, эртең менен барып кечинде келет экен. Аты Заря.

- Мен кантип жумуш табам билбейм, апамдын кебин укпай баса берип, талаада кала жаздадым.

- Эртең мени менен чык, мен сага жумуш издегенди үйрөтөм, - деди Заря ага жылмайып.

- Мээрим эже келсе сүйлөшөм го?

- Кайсы Мээрим?

- Ушул жерде жашайт экен го?

- Ой жанагы Заринанын эжесин айтасың го, ал бул жерде жашабайт, сиңдисине келип турат, болгону ошол.

- Жашабайбы ал?

- Жо-ок, ал деген бул жерде сойку болуп иштейт, сиңдисин дагы кээде ээрчитип кетет, эгерде сен аны ээрчисең сойку болуп чыга келесиң. Зарина бүгүн күндүзү кеткен, болбосо күндүз эч жакка барчу эмес, алар кечинде гана иштешет.

- Кыргызстандан келип алып, сойку болуп жүрөбү?

- Кызык экенсиң, биерде аларды эч ким тааныбайт да, анан дагы алардын атайын жашыруун фирмасы бар, атын унутуп калдым, кадимкидей эле фирма. Бирок сойкуларды кармаган килейген кабат үй имиш, аларда баары бар, врачтар карашат, аерге атайын заказ менен келишет экен, айылдардан сулуу, жаш кыздарды алып келип турушат экен. Мээрим кээде гана сиңдисин крупный клиентке өзү сатат имиш, - деп Заря эңкейип шыбырады. - Былтыр Зарина төрөп таштап койгон.

- Кантип?

- Ушинтип эле, Махабат, сен ага ишенбе, жакында эле Мээримди ал сойкуканадан чыгарып коюптур деп уккам.

- Чынбы, эмне үчүн?

- Кайдан билем, ал жердин катуу мыйзамы бар имиш, ошого каршы бир иш жасаса керек, бирок аны көбү тааныйт, оңой эле клиент таап алат чыгаар.

- Кызык экен, мен Россияга келип жыргап, байып кетем деп, апамдын акчасын коротуп алдым, - деди Махабат ойлуу. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Заря абдан күлкүчү, ичинде кири жок кыз экен, ал эжеси экөө бирге иштеп, кечинде чогуу болушат экен. Кандай жумуш экенин айтпагандан улам сурап калды Махабат:

- Силер эмне иш кыласыңар?

- Биз деле жыргап кеткен жокпуз, эжем экөөбүз, дагы башка аялдар болуп, тээ талаадагы сарайдан иш кылабыз, чөп теребиз…

- Эмне чөп?

- Дары жасашат экен.

- Ай-ий да.

- Ошондой, биз келбейт болчубуз, атам беш жыл мурун кетип жок болгонунан издегени келип, ошол бойдон кете албай жүрөбүз, аздан акча жыйдык, эми кетебиз го.

- Атаңды таптыңарбы?

- Жок, атамды издейбизби же акча табабызбы, ага акча көп керек экен, - деп Заря улутунуп койду.

- Кабарын билбей эле келе бердиңер беле?

- Иштеп жатам деп, бир дарек менен бирөөдөн кат жибериптир болчу, андай даректи сураштырып дегеле таппай жатабыз, туура эмес берсе керек.

Бир кезде сырттан койкоңдогон, бийик такалуу туфли кийген, чачтары тармал кыз кирип келип, кыркасынан жатып алгандарды бир сыйра карап, жийиркенгендей болду да:

- Махабат деген сенби? - деди Махабатка, анткени башкалар ага тааныш эле.

- Ооба.

- Давай кеттик.

- Кайда?

- Мээрим эжем алып кел деди, такси күтүп жатат, - дегенде Заря аны акырын нукуп "барба" дегендей болду.

- Мен эртең барам, - деди Махабат тарткынчыктай.

- Эртең аны кайдан тапмак элең, барсаң азыр жүр.

- Жок, барбайм азыр.

- Өзүң бил, - деп Зарина чыга жөнөдү.

- Мен сага айтпадым беле, булар сени бирөөгө сатмак, ошого сиңдисин жөнөткөн, - деди ал чыгаары менен Заря.

- Кызык, мен эмне кылам, башында таанычумун аны, жакшы кыз эле го?

- Боло берет.

- Эртең иш таппасам кантем?

- Табасың, көчө шыпырганга иштесең деле акча табасың да.

- Эмне көчө шыпырганга кыздар иштешеби?

- Иштейт, акча керек болсо шыпырасың, же сойку болгон жакшыбы?

- Койчу ай.

- Анда кез келген жумушту иштөөңө туура келет.

- Айла жок, иштейм да…

- Кардың токпу?

- Чынын айтсам ачкамын, келген бойдонмун.

- Менде кургак тамак бар, кел экөөбүз ысык сууга чылап ичип алалы, - деп Заря туруп барып, баштыгын алып келип, тефалга суу койду. Анан идиш даярдап, дасторкон сымал чакан жай ырастады. - Кел, - деди Махабатка баш ийкеп. Экөө эптеп шам-шум этишти. Анан эптеп сыйлыгышып жатып, эми уктап баратканда эшик ачылып, Мээрим кирди. Мээримдин киргенин көргөн Махабат чүмкөнүп жатып калды. Заря баш көтөрдү эле:

- Махабат кайда жатат? - деп сурап туруп калды Мээрим.

- Ал сыртка чыгып кеткен.

- Каякка барат экен?

- Айткан жок, бирөө менен таанышса керек, же эски таанышыбы, иши кылса ошону менен чыкты.

- Кызбы же…

- Ооба.

- Канча болду?

- Он мүнөттөй болду го?

- Аа-а, келсе бул жерге киргизбегиле, - деп коюп кетип баратканда Заря ага жини келе сүйлөдү:

- Акысын төлөсө жашай берет да.

- Келбесин, эгер бул жерде болсо мен өзүм кетирем, - деген Мээрим чыгып кетти. Махабат чындап эле коркуп калды, эгерде аны менен барса сатып жиберерине көзү жетип турду.

- Кетти, жарыкты өчүрүп коюш керек, - деди Заря, анан туруп барып жарыкты өчүрдү.

- Эмнеге мени киргизбе деп жатат?

- Сен алар менен барбай койдуң, жаш кыз деп сен үчүн көп акча алышмак, эми куру жалак калышты, - деп Заря уктап жаткандардын тынчын албайын дегендей оозун баса кыткылыктап күлдү. - Мээрим ошондой болуп кеткен, уятсыз келин.

- Ой тобо-о, эми эмне кылам?

- Коркпой эле кой, биздин көзүбүзчө эчтеке кыла албайт. Мурда келип кетип жүрчү, ошол үчүн гана унчукпайбыз, болбосо биз аларды киргизбей койсок да болот. Аласа-бересең жок беле?

- Жо-ок.

- Анда коркпо, биз сени сактап калабыз.

- Билбейм, коркуп калдым, апамдын айтканынан чыкпай эле жүрө берсем болмок экен.

- Көрүш керек баарын, келдиңби эми көрөсүң, кой уктайлы.

- Макул, жакшы жат.

- Сен дагы, - деп эки кыз уйкуга кирди. Махабат уктап кетип, кайра эле чочуп ойгонуп, уктай албай койду. Эртеси Заря эрте туруп, Махабатты ээрчите чыкканда эжеси аны сүйбөдү. Унаа менен баратып, Заря Махабатты жолдон түшүрүп койду.

- Кайда барам?

- Табасың, түндө мен айткандарды эсиңе түйүп алдың беле?

- Ооба-ооба.

- Анда бар, биз жашаган көчөнү унутпа, - деп баарын айтып түшүндүрдү. Жолдон Махабат бир кишиге жолугуп калды, ал бир дүкөндө соода кылат экен. Кыргызды көрүп, Махабат бир тууганын көргөндөй кубанып кетти.

- Байке, сиз кыргызсызбы?

- Ооба.

- Мен жумуш издеп жүрдүм эле…

- Кайдан жүрөсүң, бул жерде жол-жолдо жумуш жаткан жок да, жалгызсыңбы?

- Ооба.

- Шайтан айдап эле келбесе, келээр жер эмес сендейлерге, жаш кыздар келип алып эле бузулуп кетип жатышат, сага кандай жардам бере алам эми, - деп бейтааныш киши туруп калды. - Андан көрө кеткениң дурус го?

- Кете албайм.

- Эмнеге?

- Акчам жок.

- Каргыш алгырдыкы, - деп алды ал. - Мен азыр кайра чыгам, сен ушунда туруп тур, бир жерге дайындайын сени, - деп кирип кеткенде жанына жеңил машина токтоду. Махабат эч нерсени байкабай эле турган, аны капыстан көрө калган Мээрим экен, дароо жанына келди.

- Ийи, келээриң менен тааныш таап алгансыңбы? - деп кекете сүйлөдү.

- Кайдагы тааныш?

- Жүрү кеттик, - деп колунан алганда:

- Чоң кыз, - деп тиги адам дүкөндөн чыга калды.

- Сизге эмне керек? - Мээрим аны жаман көрө сурады. - Сизди нааразы кылып койдубу?

- Эмне деп жатасыз, Мээрим эже? - Махабат аны ызалуу карады.

- Бас жөн!

- Мен сизге эмнеге керекмин!

- Өзүң билесиң, менсиз да жакшы билет турбайсыңбы? - деп аны сүйрөп жөнөгөндө бейтааныш жетип келди.

- Чоң кыз, бул кимиң? - Махабатка кайрылды.

- Эч кимим эмес, байке, жөн гана Бишкекте таанычумун.

- Уят эмеспи, бул кызды койо бер!

- Эмнеге койо берем? - деп Мээрим Махабатты тартынганына карабай машинеге салмак болгондо берки киши жетип кармап калды.

- Койо бериңиз, бул кыз сиз менен баргысы келбей жатпайбы?

- Ишиң канча, сени жыргалга бөлөдү беле, койо бергиң келбей жатабы, мен бул кыздын эжеси болом.

- Ка-алп, байке, менин эч кимим болбойт! - деп Махабат Мээримдин колунан бошонуп чыгууга тырышты. Бирок машинеден дагы бир кыз чыгып, Махабатты экөөлөп унаага отургузушкан соң дароо айдап кетишти. Бейтааныш киши бир гана сөздөн ирээнжий туруп калды. "Сени жыргалга бөлөдү беле дегенине караганда баары эле сойкулар болсо керек, өздөрү чечип алсын", - деп ойлоп, кайра дүкөнгө кирип кетти. Махабатты Мээрим унаага отургандан кийин жаакка бир койду.

- Акмак, мен сага жакшылык кааласам эмнеге качасың?

- Каалаганыңыз ошол жолбу, мен андай болгум келбейт.

- Эмне болгуң келбейт? - деди да, дагы жаакка бир салып унчукпай калды.

- Жатаканага, - деди жанындагысы. Көп өтпөй эле көп кабаттуу үйгө келишти, машине токтогондо Мээрим Махабатты колунан булка кармап жерге түшүрдү. Анан үчүнчү кабатка жетелеп киргизди.

- Мени койо бериңизчи, - деди Махабат ыйлай.

- Кайда барасың, кечээ эле жумуш таап бер деп жатпадың беле?

- Эми кереги жок.

- Эмнеге?

- Таап алам, эже, мени койо бериңизчи.

- Сени койо бербейм, эң сонун иш таап берем.

- Кандай иш, эже?

- Өзүңдү сатасың!

- Жо-ок, андай дебеңизчи, эже…

- Сөздү кой, бүгүн клиент бар, атайын сени издеп чыккамын.

- Кереги жок, мен андай болгум келбейт, кетемин анда, - деп эшикке карай жулунганда Мээрим аны колунан кармай калып, жерге түртүп жиберди.

- Башка жумушту кайдан табасың?

- Талаада өлсөм да сойкулук кылбайм.

- Биринчи түнүңдү бизге арнап кой, анан өлө бер!

- Абийириме тийишпеңиз, өлсөм да таза бойдон өлөм, - деп дагы жулунуп, Мээримди түртүп чыгып кетмек болгондо ал аны бутка тээп ийди.

- Өзүм өлтүрөм сени, Соня, карма! - деп Махабатты экөөлөп байлап, оозуна скотч жармаштырып жаткырып коюшту. Махабаттын көз жашы жүзүн жууп, тыбырчылап жатты. Мээрим аны аябай тепкилеп уруп, анан эшикти бекитип, кайдадыр кетип калышты. Махабат үйүнөн чыкканына арман кылып жатты: "Неге мен апамдын сөзүн укпадым, кыздар ушундай болобу, неге мен адамдын мындай экенин билбей калдым, эми эмне болот? Ушул бойдон апамды көрбөй каламбы?" - деп ыйлай берди. Бир убакта Мээрим тамак-аш алып келди.

- Тур жуунуп тамактан кечинде бир жакка барабыз, мен сага кийим алып келип беремин, ыйлагандан эч кандай пайда болбосун билип кой, - деди да, кайра эшикти сыртынан бекитип кетип калды. Махабат ал күнү таптакыр тамак ичпеди, Мээрим келип жинденип, сөгүнүп жатты.

- Мени койо бериңизчи суранам, - деди Махабат ошондо.

- Койо берет деп ойлобо, туура бир жыл мени менен болосуң, андан кийин сени ыраазы кылып жөнөтөм, азыр ооз ачсаң өлтүрүп ыргытып жиберем!

- Эмнеге мени алдадыңыз, базарга чыгарам дебедиңиз беле?

- Базардан ким жолдуу болуп жатыптыр, эгерде менин тилимди алсаң бир жылда Кыргызстанга барып үй, машина алып, укмуштай бай аялга айланасың, күйөөнү керек болсо сатып алсаң болот, - деп Мээрим чылым күйгүзө каткырып калды. - Андан башка жашоодо адамга эмне керек, айтчы?

- А сиз эмнеге ошентпейсиз?

- Мени коюп өз ишиңди кыл, менин Кыргызстанда канча үйүм бар экенин кайдан билесиң? - Махабаттын маңдайына келип түтүнүн үйлөдү. - Башка бирөөнүн ишине кызыккыча жакшы жашоо үчүн аракет кыл, бир келген шансты колдон чыгарбай "крупный" ишке киришсең абдан жакшы болмок, секет! - деди чойоктой үнүн созо айтып.

- Андай жашоонун кереги жок, мени койо бериңизчи.

- Сен менин башымды оорутуп жибердиң.

- Баары бир мен макул эмесмин.

- Эмне? - Мээрим көзүн чакчайта Махабаттын жаагын карыштыра кармап, - өлгүң келеби же жашагыңбы? - деди колундагы бычакты кекиртегине такап. - Сени өлтүргөндөн адамзаты азайып кетпейт, ансыз да минтип өз эл, өз жерибизден безип жүргөндө сенин кунуңду кимден алмак, өлөсүң да каласың, канчык!

- Мен канчык эмесмин!

- Болосуң, болгондо кандай, эркектерди өзүң ээрчиген канчык болосуң, ушуну билип кой, секет. Сойкунун баарын эне төрөгөн, эч ким сойку болуп төрөлгөн эмес, башында баары таптаза наристе болгон. Сен эмне өзүңдү түбөлүк пакиза тутам деген оюң барбы? - деп бычак менен ээгинин алды жагын чийип ийгенде Махабат бакырып жиберди.

- Мени койо бер дейм, болбосо өлтүр!

- Жап оозуңду! - деп ичке тээп жиберди Мээрим.

- Аа-а! - Махабат түпкүчтөй түйүлө эси ооп жыгылды.

Мээрим аны ошол калыбында таштап кетип калды. Эсине келген кыз эки жагын каранып, эч кимдин жоктугун билгенден кийин колун бошотууга аракет кылды. Бир кезде кыйкырып кирди, анын үнүн укчу жан жоктой, айлана тым-тырс. Кеч күүгүмдө гана Мээрим менен Соня кирди. Мээрим Махабаттын жанына келип, жумшак сүйлөдү.

- Кардың ачкандыр?

- Жок.

- Бул көктүгүңдөн эчтеке чыкпайт, баары бир сени көндүрөм, - деп колу-бутун чечти да: - Мен жашаган үйгө барасың, - деп колунан жетелемек болгондо Махабат анын колун кагып жиберди.

- Өлтүрсөң өлтүр, мен эч жакка барбайм!

- Өлгүң келсе заматта аткарам, - деп Мээримдин жүзү бир башкача өзгөрүлүп, Махабаттын кекиртегинен алып муунта баштаганда Соня аны зорго бошотту.

- Жинди болдуңузбу, бизди күтүп жатышпайбы?

- Мени ушул жинди кыла турган болду.

- Мээрим эже, сиз өзүңүздү карманыңыз, бул кыз бизге али керек, - деп Соня Махабатты карады. - Ушундайбы, чоң кыз? - Табалагандай кытмыр күлүмсүрөгөндө Махабаттын итатайы тутулду.

- Мен силерге эч кандай керек эмесмин!

- Кой-кой эми, акыры бир эркектин гана оюнчугу болуп кала бересиң, - деп, Мээрим экөө аны караңгылык каптап калган кезде жулкунганына карабай оозун скочтоп туруп, унаага салышты. Бир-эки сааттай жол жүрүп, заңгыраган бир үйгө алып келишти. Жасалгалуу чоң бөлмөгө алып кирип, ортосундагы шуудураган шайы төшөктөрдүн үстүнө түртүп ийишти.

- Эми өз тагдырыңдан көрө бер! - деди Мээрим мылжыя карап. Махабат не кылаарын билбей нес болуп турду, төшөктүн үстүндө шуудураган ич кийимдер жаткан эле. Ал өйдө болгондо сырттан бир аял келди.

- Буларды алып, ваннага кирип чыгыңыз, - деди да, сумсайып чыгып кетти.

- Эмнеге, мен кайдамын? - деген Махабаттын суроосу жоопсуз бойдон калды. Анан дел боло өз боюн карады, кийими кирдеп, чачтары саксайып кеткен. "Бешенем ушул болсо аргам канча, эптеп Мээримден кутулсам качып кетем", - деп ойлой ваннасы кайда болду экен деп эки жакты элеңдей карап турганда ары жактан жанагы аял көрүндү.

- Бул жакка кириңиз, - деди ал. Ваннага кирип, ар тарабы күзгү, текчесинде түрдүү самындар менен атырлар, шампундар тизилип турганын көрүп, эси ооп кала жаздады. "Кудая тобо-о, келээримди тигилер айткан го, кандай керемет", - деп атырларды жыттап көрүп, өзүнчө эле бейиште жүргөндөй баарын унута жаздады. Анан сууну чабыштыра ваннаны толтуруп, шампундан салып көбүртүп ичине кирди. Мурда болуп көрбөгөндөй ырахатка бата жуунду да, жыттуу атыр самындар менен көпкө жышынып, анан чайканып чыкты. Сүлгү менен аарчынып жатып, күзгү алдында өзүн көпкө карады. Арыкчырай, ап-пак жумуру сандары, тирсийип эч кимдин колу тийе элек эки алмасы ого бетер жарашып, чачтары денесине чаптала, мөлтүр тамчылар денесинен жылт-жулт этип агып турса, өзүнчө эле көркөм көрүндү. Өзүнүн денесине өзү суктанды. Эшик тыкылдаганда гана жанындагы кийимдерди кийип, чачын кургатып, анан чыга калды.

- Биякка жүрүңүз, - деди эшиктин алдында турган аял. Махабат үнсүз анын артынан жөнөдү. Аял аны жанагыдан да кооз бөлмөгө киргизип, чачын жасай баштады. Махабат ага суроо узатууга кудуретсиз эле, ал тургай өңүндө эмес түшүндө болуп жаткандай дендароо, аялдын айтканы менен болуп жатты. Чачын жасаганда ал өзүн тааныбай дал эле түшүм экен деп сезип: "Ойгонуп кетпесем экен, кандай сонун түш бул, өмүрүмдө чачтарачка бара элекмин, эми барсам окшойт, ушундай сулуу болуп калат турбайымбы", - деп ойлоду.

- Жүрүңүз, - деди аял, Махабат түшүнөн чочугандай аны жалдырап карап туруп калганда, - жүрүңүз, - деди дагы кайталап.

- Аа-а кайда?

- Менин артымдан, - деп аял мурунку келген бөлмөнүн эшигин ачып, ичкери киргизди. Өзү чечинтип, башка кийим кийгизди.

- Эмне үчүн мени бул жерге алып келишти? - деп сурады ошондо гана Махабат араң.

- Айтышкан жок беле?

- Жок.

- Өзүңүз билип аласыз, - дегенден башка ооз ачпай мисирейген аял эми Махабатты заңгыраган, кооз люстрасы көздү уялтып жарк-журк эткен, полунда жумшак килемдери бар кең залга алып келди. - Отуруңуз, - деп диванды көрсөттү. Махабат унчукпастан креслого коомай отуруп, эки жагын элеңдеп карана бери. Бир кезде тамак ташыгыч араба менен алдына тамак, суусундуктар келди. - Тамагыңыз таттуу болсун, - деп жанагы аял акырын чыгып кетти. Махабат үч күндөн бери Мээрим берген тамакты ичпей, суу же чай жутуп алып, абдан ачка болчу. Эми ашказаны аңтарылгансып кеткенде гана ачка экенин билгендей өз үйүндөгүдөй эле ичип-жей баштады. Ошол убакта ары жакта өзүнөн көз айрыбай карап турган аял басып келди.

- Мындай ичкен болбойт, коноктор сиздин тамак ичкениңизди көрсө абдан ирээнжип калышат, - деп колуна кашык менен вилка кармаганды, бычак менен кескенди үйрөтүп жатты.

- Кечириңиз, мен кандай коноктор менен жолугам?

- Өтө маанилүү, - деп жылмайып койду аял. Кудай ай, бул аял дагы жылмайганды билет тура. - Сен мурда иштеп көрдүң беле?

- Иштегем, соодага жакшымын.

- Кеп ал жөнүндө эмес, тамагыңыз таттуу болсун, - деп аял кайрадан жылмая ары басып кетти. Махабат ал үйрөткөндөй кылып тамак ичип бүтүп, бата кылып койду эле дароо бир жигит келип, тамак ташыган арабаны идиш-аягы менен сүйрөп кетти. Ошол кезде баягы аял дагы жылмая басып келди.

- Жүрүңүз, - деп өзү алдыга түшүп таптакыр башка бөлмөгө алып барды. - Эми эс ала берсеңиз болот.

- Рахмат, - деп Махабат түшүндөгүдөй шуудураган төшөккө бой уруп, чалкасынан жата кетти.

"Кандай арман, көрсө сойкулардын жашоосу ушундай болот тура, мындан көрө карапайым болсоң да өз эркиндигиңе ээ болгонуң кандай жакшы", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Канча убакыт өткөнүн билбейт, бир кезде кандайдыр бир дабыштан улам ойгонуп кетип, чочуп тура калды.

- Салам, сулуу кыз! - деп дивандын маңдайында зыңкыйыя кийинген узун бойлуу, улуту башка кара мурут киши колун чөнтөгүнө салып туруптур.

- Сиз…

- Биздин бул күндү сизге айтып түшүндүргөндүр, сулуу, адегенде таанышып алалы, менин атым Жахид, - деди ал жылмая. - Сиздин атыңыз?..

- Махабат.

- Атыңызга затыңыз жарашкан сулуу кыз экенсиз, айткандай сиз жакшы кыз болсоңуз керек? - деп спальныйдын кырына коомай отурду. - Махабатка бөлөйсүз го дейм?

- Мен…

- Билем, мага ошонуңуз жагат, - деп тиги киши туруп барып, эшикти илип келди да, жарыкты өчүрдү. Үрүл-бүрүл жарык шоолада анын чечингени көрүнүп турду. Бир аздан кийин Махабаттын ачуу: "Апа-а", - деген үнү бөлмөнү жаңыртты. Жахид аны менен каалаганча болуп, эртеси таң ата бөлмөдөн чыгып кетти. Махабат ал чыгаары менен туруп, өз кийимин кийинип жатканда төшөктүн аяк жагынан долларларды көрүп таңгалды. Шуудураган жашыл кагаздарды аны колуна алып: "Бул менин актыгымдын акысы болсо керек, убалым жетсин сага, Мээрим", - деп күбүрөй бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо алдынан эки аял тосту.

- Сиз биякка жүрүңүз, - дешип узун коридор менен алып жөнөштү.

- Мен кетем, мени саткандардын акысы калган жоктур менде… - деди Махабат.

- Сиз кетпейсиз, - деди бири. - Бул жерден чыгып кетүү оңой дейсизби?

- Кетем деген оюңуздан кайтыңыз, сизди бир жылга контракт менен саткан.

- Эмне, бир жылгабы, мен ушул жерде бир жылга чейин жүрө беремби?

- Ошондой, - деп койду орто жаштагы орус аял. Махабат ыйлап кетип баратты. Ошентип бир жыл бою ар ким менен болду, Жахид андан кийин да келип жүрдү. Аргасыз бир жыл бою ар кандай адамдар менен болууга машыгып да бүттү. Ар күнү ар улуттун жарандары келип, ар башка мамиле кылышат. Махабат кээде: "Кызык, өмүр ушунчалык кыска, бат өтөөрү өкүндүрөт. Колунда барлар саат калган өмүрүн да рахаттуу өткөрүүгө тырышат, ал эми колунда жок не деген жигиттер тиричиликтин көйгөйүн тартып жүрүп өтүп кеткенин дагы байкабай калышат. Алар бул өмүрдө мындай рахат бар экенин да сезбей өтүшөт, неге? Адам баласы жараткан үчүн бирдей экени кайсы, эгерде бирдей экени чын болсо жараткан кудай тең караса не болмок", - деп зыңгырап отуруп ойлонуп алат. Керээли кечке келгендерди төшөктө тейлегенден башка кылар иши жок, ар бир жолкудан кийин текшерүүдөн өтүп, керектүү дары-дармектерди кабыл ичет. Көбүнчө убактысы күзгү алдында өтөт. Ал үйдө Махабаттан башка дагы өзбек, кыргыз, тажик кыздар бар эле. Калганы орус кыздар, баары болуп элүүдөй кыз, эң жашы он беште. Алардын арасынан Жазира деген кыз экөө ымалалаш болуп кетти. Кардардын көбү жаш кыздарга карашат. Аларды көргөндө Махабат бул жердин эң картаңындай сезчү өзүн. Ошентип акыркы күнү да келди, келишим бүтүп, үйүнө кайтаар алдында акчасын эсептешмек. Бирок ага үлгүртпөй эле Сара деген ошол үйдү башкарган еврей аял чакырып калды.

- Эмне болду, мен жолго даярданып жаттым эле?

- Эчтеке эмес, Жахидди билесиң да, ал сенден башканы каалабайт, - деди Сара.

- Анын мага тиешеси канча, мен кетишим керек.

- Бүгүн аны менен каласың, эртең өзүң бил, - деди Сара өктөм сүйлөй.

- Макул, бирок түнү менен эмес.

- Эмнеге, сен эмне деп жатасың? - Сара жини келип Махабатты жекире карады. - Бир түн бою анын эркиндесиң, ал дайым сен үчүн жакшы төлөйт.

- Кереги жок, мен жуунуп жолго даярданам, - деп Махабат бурула бергенде Сара аны колунан аткый кармап калды.

- Сен бул жерди оюн көрүп жатасыңбы, киргенден кийин чыгышың кыйын болот, өз каалаганыңдай иштей албайсың!

- Эмнеге, мен келишим бүткөндө кетишим керек болчу…

- Кете албайсың, сага суроолор көп, жаш кыздарга караганда сага суроо-талап көп, демек көп сүйлөбөй тынч кир дагы кечки жолугушууга даярдан.

Махабат үнсүз шылкыя өз бөлмөсүнө кирип, күзгүнүн алдына отурду. "Демек мага Жахид гана жардам бере алат, андан жакшылап суранып көрөйүн", - деп ойлоп, болушунча бойонуп-жасанып даяр болуп турду. Ошол жолугушууда Махабат Жахидден эч нерсе аяган жок, каалаганындай болду. Экөө таттуу шарап ичип, шоколад жеп отурушканда Махабат ага болгон чындыкты айтты эле:

- Мен жардам берейин, бирок мени менен коштошуп, анан кетесиң, - деди Жахид.

- Сиз айткандай болсун.

- Жарайт анда, - деп Жахид ага кумарлуу каректерин кадады. Экөөнүн төшөк оюну андан ары уланды. Махабат ичинен жүрөксүп коркуп турду.

- Ушул түрмө сымал ак сарайдан алып чыксаңыз өмүр бою сизге кудайдан ден-соолук тилеп өтөйүн. Апам менден кабар ала албай кыйналып жаткандыр, сизде да эне, бала бардыр, дүйнө жүзүндөгү мээримдүү энелердин атынан суранайын, - деп ыйлап жатты. Жахид адамгерчиликтүү болчу, кыз баланын алданып, ушундай тагдырга туш болгонун сезип-туюп, боору ооруду, өзүнүн үйүндөгү кары энесин эстеп, ага убада берди. Чынында ошонун эртеси эле эч нерсе менен иши жок, дүйнөдө бар же жок экенин сезбей баарынан үмүт үзүп, Жахидге ишенип-ишенбей отурган. Бир маалда аны башкы "тарбиячы" чакыртып атат дешкенинен дагы эмне дейт деп жүрөкзаада боло бөлмөсүнө кирди. Ал: "буюм-тайымыңды алып кете бер, колу-жолуң бош", - дегенде уккан кулагына ишенбей бир аз турду, анан тарбиячысын бек кучактап өөп ийип, чала-була ыйлап, өз бөлмөсүнө келди. Кийимдерин алганга көңүлү келбей өзү эле чыкты. "Ушул үйдөн кийгендерим ушул жерде калсын, бул жолго экинчи кайрылбайм", - деп кетип баратты.

Бирок жашоо деген закон ченемдүү бир сызык, ал сызык менен адам баласы эч качан түз жүрө албайт. Алдыңда эмне күтүп турганын билбей, көп нерсени кыялданганың менен акырындап сени тагдыр деген нерсе өз ордуңа коюп койот эмеспи. Анын сыңарындай Махабат да: "колумда акча бар, айылга эле кетип калайын, апам менин аман-эсен барганыма кубанат", - деп ойлонуп, такси менен Москва темир жол станциясына келди. Ал жерден белет алганы кирип баратканда бирөө тааныгандай карап:

- Мен сени кайдан көрдүм эле, баса, Бишкектен болуш керек, кайдан жүрөсүң? - деп токтотуп калды. Бишкек дегенди укканда Махабат өз энесин көргөндөй кубанып кетти.

- Мен сизди билбейт экенмин, бирок Бишкекте болгонум ырас.

- Оштон болом, сен кайдан?

- Мен Жалал-Абаддан.

- Мына-мына, көрүшкөнүбүз чын экен, атыңды унутуп жатам, - деп сүйлөшүп турганда Махабаттын сумкасын бирөө жулуп качты. Элди аралай качып барып, поезддердин бирине кире качканын көрүп, эмеле сүйлөшүп турган бейтааныш жигит анын артынан жүгүрдү. Кубанычы койнуна сыйбай эми элиме-жериме кетем деп турган Махабат эч нерсеге түшүнбөй калды. Сумкасын алдырып ийгенин деле элес албай нестейип турганда жанагы жигит кайра жетип келди.

- Сиз, сиз кайда барат элеңиз?

- Мен Бишкекке белет алмакмын, - деп Махабат аянычтуу караганда анын боору ооруп кетти.

- Сиздин сумкаңызды алып качканды таппай келдим, - деди тайсалдай.

- Эмне дедиңиз? - Махабат эми гана түшүнөн ойгонгонсуп ийниндеги сумкасынын ордун сыйпалай, жигитти жакадан алды.

- Ка-алп, сен мени алдап алып кеттиңби, акмак, кана сумкам, мен эми кантип кетем?! - деп булкулдатса да ал үнсүз тура берди, көптөн кийин гана:

- Мен эмес, ишен мага, атың ким эле айтчы, бай болгур, мен Азаматмын, сенин сумкаңды мен эмес башкалар алып кетти, жетпей калдым, - деп кызды ишендирип жатты. Махабат балбалактап ыйлай эки жагын каранып, кыйкырып да жатты. Азамат аны колтуктай отургучка алпарып отургузду. Ыйлап-ыйлап көз жашы соолугандай болгон Махабат шуу үшкүрүп алып, томсоруп отуруп калды. Станцияда эл көп болчу. Ким менен кимдин иши болмок, ар кимиси өз сапарын улоодо, бири келип жатса, бири кетип жатат.

- Сиз ырас эле айттыңызбы, алган сиз эмеспи, ким алды экен, эмнеге менин тагдырым ушундай? Эми кайда барам, Бишкекке барышым керек эле, апам күтүп жатат, - деди шалкы бош сүйлөп.

- Кудай урсун, мен алганым жок, мен сенин атыңды эстегиче эмне болуп кеткенине түшүнбөй да калдым.

- Мен эмне кылам, кантип кетем деги, ким кеңеш айтат мага, кудай ай, деги үйүмдү көрбөй жоголомбу? - деп Махабат өзүнө менен өзү сүйлөшкөндөй шыбырап, дел болуп отурду. Азамат аны жубатымыш болуп жанында отуруп, анан кызга:

- Жүрү, менин жатаканама, бүгүнчө түнөп чыкканыңа болот, - деди. Махабат аны элейе карап калды.

- Кантип, мен сенин жатаканаңа барамбы?

- Эмне болот эле, бүгүн кечти өткөрүп алсаң анан эртең бир нерсе болоор… Атыңды айтып койчу, чоң кыз.

- Махабат.

- Махабат, мен туура эмес айттымбы, таанышың барбы же?

- Жок, эч кандай таанышым жок, - деп Мээримди эстеп коркуп кетти. - Аа-а сенин… сенин жатаканаң кайда?

- Станцияга жакын, балдар менен турам, бир күнгө сага орун табылат, - деди Азамат шыпылдай. Махабат бир нерседен корккондой ордунан турду, Азматтын артынан ээрчий теңселип кетип баратты. "Тагдыр мага неге жылмайбады, демек апамдын тилин албаганым кудайга да жаккан эмес экен, эми кантем? Мээрим көрсө дагы башкаларга сатат, анын колуна түшпөшүм керек. Кыргызстанга барып алсам аны сөзсүз таап, сотко беремин, же аны бирөөлөргө сабатам", - деп ойлонуп, Азамат менен бир батирге келди. Сумкасын алып качкандар Азаматтын шериктери болчу, аны Махабат кайдан билсин. - Эч нерседен кабатыр болбо, биз төрт бала жашайбыз, - деди Азамат. Ошентип Махабаттын экинчи жолку тагдыр жолу ушундайча башталды. Азамат төрт досу менен көп иштерди жасачу, ар каттамда тааныштары бар. Товарларды сактоочу жайдан алып чыккандан кийин эле заматта жүк ташуучулар шыпылдап таксиге алып баратып, кээсин куружалак калтыра турган. Кантип алганын дагы эч ким байкабай калат. Андан бери беш жыл өттү. Махабат апасына акча жөнөтүп турат, эки жолу өзү да барып келди. Кийинки барышында Шайлоого жолуккан эле, анын келээрин Азаматтарга айтып, өзү күтүп жаткан. Алар мурункудай батирде турушпайт, башка элде жашап жатып да, өз элинин азган-тозгонуна карабай тоноочулук кылышат, өздөрүнчө бир бөлмө үй алып, Азамат экөө эрди-катын болуп алышкан. Булардын мындай адамдык сапаттан кеткен каракчылыгы канчага чейин уланарын ким билет, бирок кыргыз базарына баралбай калышты. Шайлоону акмалап балдары аркылуу алдырып, Мээримдин өзүнө жасаган кылыгын ага көрсөтөм деп ойлойт, бирок андай жолдон өзү коркот…

Шакирдин Шайлоону айылга жөнөтмөк болуп белет алды, өзү берген убадасына туруп, шаар кыдыртып, анча-мынча белек алып берди. Үчүнчү күнү аны поездге салып узатып турду.

- Шайлоо, жакшы жетип ал, мени унутсаң дагы кубантууну унутпа, анткени мен сага бир кымбат буюмумду тапшыргандай үмүттөнүп турам, - деди дагы кайталаганынан жазбай.

- Жарайт, эгерде эрким жетсе сиз менен калмакмын, бирок ага эрким жок. Жакшы кабар болсо дароо кабарлайм…

- Аман бол.

- Сиз дагы аман жүрүңүз, ден-соолугуңуз чың болсун.

- Баса, эгер уул болсо атын Урматбек деп кой, Шайлоо, сенин мага деген урматыңдын белгиси болсун. Кыз болсо өзүң бил.

- Макул.

- Рахмат, бир сөзүмдү да кайтарбаганыңа, жүз үйрүп жээрибегениңе, кош, аман бол!

- Кош болуңуз! - Поезд така-так, така-так деп ышкырып алды да, ордунан жылып баратты. Шакирдин колун булгалап, поезддин карааны көрүнбөй калганча тура берди. Ал ошол замат жалгызсырай түштү, үйүнө барса жагымсыз жагдай күтүп тургандай көңүлү чөгө: "Аттиң, мени менен калса кандай бактылуу болоор элем. Канткен менен мени менен болуудан баш тарткан жок, ушунусуна шүгүр, өзүмдү бир аз болсо дагы бактылуу сезүүгө жардам берди", - деп оор күрсүнүп алып, кадамын ылдамдата үйүнө жөнөдү. Шайлоо жолгата ойлонуп кетип жатты: "Жакшы адамдардын дайыма тагдыры тайкы болуп калат, кандай болсо да адамгерчиликтен тайбаганы кандай жакшы, жөнөкөйлүгүндө чек жок, мен ушундай адамга жар болсом кана, бирок анте албайм го?" - деп поезд менен кошо термелет. Убакыт билинбей өтө берди. Шакирдин жумушун иштеп жүрө берди. Аны атайын афганецтердин жыйынына чакырышып жүз миң сом сыйлык беришти. Алган айлыгын да катып, атасына жөнөтүп турат. Арадан эки ай өткөндө ал дагы бир окуяга туш болду. Оштон Шарипа деген келин менен кызы Изат келип калды. Алар Шакирдиндин дарегин атасынан алып келген эле. Изат шаардан иштейм деп туруп алганда апасы көнбөйт. Акыры өзү кошо ээрчитип, Москвага келип, үч күн дегенде зорго Шакирдинди табышат. Жол кире менен келип, Шарипа кызынын иштегенине жардам бермек болгон менен эч кандай жумуш табылбады. Изат тогузду бүтүп окубай калган, он жетидеги жаш, жакшынакай кыз. Шакирдиндин үйүндө көпкө жүрүп калышты, бир айдан кийин аргасыз Шарипа кайра кетмек болду. Шакирдин аны салып жиберди, Изат калып калды. Изат үйдө жүрө бергенден жадады, бирок тил билбеген жаш кызга иш табыш өтө кыйынга туруп, акыры ал дагы кеткиси келди. Бирок кантип кетет, колунда тыйыны болбогон соң үндөбөй, Шакирдин келгенче тамак-аш жасап, кирин жууп жүрө берди. Бир күнү экөө тамактанып отурганда Шакирдин өз оюн ортого салды:

- Изат, мен сага жумуш таап бере албайм, бирок айылга жөнөтүшүм мүмкүн, бир шарт менен.

- Кандай шарт, айтыңызчы?

- Сен макул болсоң айтайын…

- Кандай болсо да макулмун, айта бериңиз, болгону үйүмө кетирсеңиз болду…

- Сен мага бала төрөп бер!

- Эмне-е?! - Кыз эси ой жалдырап отуруп калды.

- Бир жыл мени менен туруп, көз алдымда төрөп бер, мен сага сыйлык катары миң доллар беремин, уул болсо эки эсе берем…

- Бул сунушуңузбу же буйрукпу?

- Сунушум гана.

- Ойлоноюнчу, - деп Изат ордунан туруп, ваннага кирип кетти. Ал жакта отуруп, көпкө ыйлады, буркурап боздоп ыйлады. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, Шакирдин дагы башын жерге салып козголбостон отура берди. Кыз ыйлап-ыйлап сооронуп, өзүн кармай акырын келип, анын маңдайына отурду, бирок ооз ачууга батынбады.

- Ойлонууга бир күн жетишсиз чыгаар…

- Жетет, - деди Изат чыйрала. - Мен макулмун!

- Ырас элеби?

- Ооба, мен макулмун, айтканыңызга каршы эмесмин.

- Рахмат! - деп Шакирдин ордунан туруп, сыртка чыгып кеткен. Көп узабай пакет-пакет толо тамак-аш көтөрүп келди, негедир кубанган жок, толкунданбады, болгону убактылуу нике байлатам деп чечти. "Балам никесиз туулбашы керек", - деген ойдо өзүнө тааныш бир молдо болуп жүрүп кийин соодага аралашып кеткен жигитти чакырып келди да, дасторкон жасап, убактылуу нике окутту. Ошол күнү кыз бечара ага өзүн ыйгарды, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, эрди-катын болуп жашап жүрүштү. Ортолорун сый гана бөлүп тургандай ашыкча сүйлөшпөйт. Табышмактуу өмүр билинбей өтүп, үч айдан кийин Изаттын кош бойлуу экени билинди. Дал ошол күнү Шакирдиндин телефону "чыр" этти, демейде жумуштагылар же атасы чалып сүйлөшчү эле. Бул жолу эч нерседен капарсыз трубканы ала койсо, эч ким үн катпайт, бышылдап ыйлаган дабыш угулуп турду.

- Алло, мен угуп жатам, ким экен бул? - дегенде гана аялдын үнү угулду:

- Бул мен - Шайлоомун, унуткан жоксузбу?

- Жок-жок, ушунча убакыт чалбаганыңдан үмүтүмдү үзө баштаган элем, кана, сүйлө кандай жаңылыгың бар? - Шакирдин Изат тарапты карап койду. - Айта бер.

- Менин боюмда бар, уул экен, азыр жети ай болду, эки айдан кийин төрөйм, - деди Шайлоо, бирок ал ыйлап жаткандай болду.

- Сүйүнчүңдү эртең эле жөнөтөм, бирок айтчы, Шайлоо, эмнеге ыйлап жатасың?

- Апам, апам каза болду, жакында эле, мен жалгыз калдым…

- Жаман болуптур, көңүл айтам, көп ыйлап капаланба, макулбу, эми эмне кылайын дейсиң?

- Билбейм.

- Биякка келе аласыңбы?

- Жок, узак жол жүргөнгө болбойт экен, жүрөгүм оорукчан, баланы төрөй албайсың деп жатат врачтар, алдыр дегендерине көнбөдүм. Сени ойлодум, сенин аманатыңды таштагым келбеди… - Шайлоо көпкө ыйлады. - Билесиңби, чындап эле сенин асыл буюмуңду ала келипмин, - деп ый аралаш күлгөн болду. - Эки айында билгемин, бирок врачтар жүрөгүмдө оору бар экенин, төрөөгө болбосун айтышып, текшерип жатып, көпкө кармалдым…

- Ыраазымын, Шайлоо, сен жакшы болуп кет, мен көп акча жөнөтөм, врачтар сени карашат, балким өзүм бараармын?

- Жо-жок, убара болбо, мен акыркы демим калганча аракет кылам, анда мен трубканы койом, кош, жакшы тур!

- Токто, Шайлоо, мен почтодон акча саламын, сенин наамыңа, алып ал да, догдурга тез-тез көрүн, макулбу?

- Жарайт, - дегенден кийин турбканы коюп салды окшойт. Шакирдин тү-үт-түү-үүт деген дабыштарды тыңшап туруп, отургучка шалдая отуруп калды. "Кыз-зык, мурдараак билгенимде Изатты кармабай кетирип ийип, Шайлоону биякка алып баса бермекмин. Эми кандай болоор экен, сакайып кетсе экен, буйруса эми балдарым үчүн жашайм, тукум калтырганың бул жашоого кайра жаралганга тете эмеспи, мен балдарым үчүн көптү жасашым керек", - деп ойлонду. Изат ага башынан үн дебейт, тамак даяр болгондо гана акырын карап:

- Тамак ичесизби? - деп койот. Шакирдин кулак-мурун кескендей тынч жашоого да, аялынын түнт мүнөзүнө да көнгөн. Бүгүн дагы көз карашынан эле айттырбай билди.

- Тамак даярбы?

- Ооба.

- Изат.

- Ии-йи…

- Сен эмнеге сүйлөбөйсүң, аргасыздыгыңа өкүнөсүңбү? - дегенде Изат үнсүз телмире башын чайкады. - Анда неге?

- Билбейм.

- Сүйгөн жигитиң бар беле?

- Ооба.

- Айылдабы?

- Ооба.

- Ошого армандуусуң го?

- Жок…

- Анда неге үндөбөйсүң?

- Сүйлөгүм келбейт.

- Неге?

- Жөн эле…

- Болбойт, бул үйдө мен жалгыз эмесмин, каңгыр-күңгүр болуп турса болмок, ансыз дагы сен кеткенден кийин бала менен гана калам…

- Сиз сүйлөңүз.

- Мен балалуу болоорума кубанып отурам, бүгүн экөөбүз аздап шарап ичели, кубанычты ичке катууга болбойт да.

- Макул.

- Мага бир жылга калганыңа өкүнүп жүрөсүң го дейм.

- Жок, мен өз эрким менен макул болгомун.

- Анда неге кабагың ачылбайт?

- Үйдөгүлөрдү сагындым, кетким келет, апам жалгыз үч баланы багып кыйналып жаткандыр.

- Атаң кайда?

- Ал бизди таштап кеткен.

- Өкүнүчтүү.

- Мен өкүнбөйм, - деди Изат мисирейе.

- Эмнеге?

- Анткени башка аялды апамдан артык көргөнү үчүн жек көрөм.

- Турмушта андайлар көп болот.

- Андай экенин алда качан түшүнгөмүн, эми менин төрөгөн балам энесиз өсөөрүн ойлосом, түнү уйкум келбей кыйналчу болдум.

- Сени баладан бөлгүм жок…

- Өзүм кетүүгө аргасызмын.

- Өз каалооң.

- Рахмат.

- Эчтеке эмес, көнбөгөн адам болбойт, ошону үчүн пендебиз да.

- Ырасында мен дүйнөгө адам болуп жаралганым үчүн өкүнөм.

- Андан көрө кубанышың керек, бул жарыкчылык дүйнөгө келүүнүн өзү бакыт эмеспи, - деп Шакирдин бир чекитти тиктеп отурду. "Мен өзүмдү жеткен бактысызмын деп эсептечүмүн, эми бактым кучагыма сыйбай төбөм көккө жетип турганым жалганбы. Көрсө, айдын жүзү он беш күн караңгы, он беш күн жарык болот тура, мен аны эми гана түшүндүм. Эки баланы өзүм тарбиялап багууга кудуретим жетеби, сынашым керек, аларды адам кылып өстүрүү менин милдетим", - деп ойлоду өзүнчө.

- Эмнеге ойлуусуз? - Изат ага суроолуу карады.

- Түрдүү кызыкты ойлоп отурам.

- Ал кандай кызык?

- Буйруса жакында эки балалуу болгону турам.

- Кантип? - Изат көздөрүн алайта ичин кармалады. "Эмнеге эки балалуу болот, дагы экинчисин төрөп бер дегени турабы, же эгиз төрөйсүң деп ойлоп жатабы?" - деп таңгала суроолуу көздөрүн ирмебей тура берди.

- Жашоомдо сенден башка дагы бир аял болгон…

- Аа-а...

- Мен андан жооп болбогондуктан сенден өтүнгөм, - деп болгондун баарын Изатка түшүндүрдү.

- Сиздин адамгерчилигиңизде чек жок экен, бирок ошол чексиздиктен пайдаланууну да унутпайт экенсиз, - деди Изат ушул жолу ага жылмая. - Бир чети туура кыласыз, адам эч качан жакшылыкты өз эрки менен кайтара албайт, сиз акыл менен гана баарын жеңе аласыз…

- Балаңа рахмат, бирок мен айтпасам ал бага албай бир жакка таштап койот беле, ким эле өзүнө жакпаган адамдан балалуу болгусу келсин. Мен аны да, сени да зордогонум жок, тек өз макулдугуңар менен иштедим…

- Туура, - деп Изат улутунуп ийди.

- Мынчалык ичиңди бышырбачы, баардык бук-арманыңды сыртка чыгарып, ыйлап алганың оң. Эгерде мен каргыш алган Ооганга барып, жүзүмдү минтип албасам сүйгөн жарым болмок, балабыз болмок, бакыттын күнү мен үчүн гана тийгендей чексиз ырахаттын даамын татмакмын, - деди Шакирдин оор күрсүнө, муштуму өзүнөн-өзү түйүлө түштү. - Минтип сенин жаныңда өзүмдү күнөөлүү сезип отурмак эмесмин, балким кездешмек да эместирбиз. Бирок тагдырдын түйгүлүк ташы экөөбүздү бириктирип отурбайбы.

- Ооба, мен эми сизден кеткенде кантээримди билбейм, апам барган соң Данияр мени издегендир, инилериме жолуккандыр…

- Кечир, башка аргам жок эле, мен дагы адам болуп жаралган соң тукумсуз өткүм келбеди…

- Кечирим суроонун кажети жок, - деди Изат жер карай. - Бизди тагдыр кошкон соң арга канча, көнүүгө туура келет.

- Сен сүйөсүңбү Даниярды?

- Ооба, абдан сүйгөмүн.

- Сүйүү кандай жакшы, сүйгөнүң жаныңда турганда,

Өкүнүчтүү, сүйгөнүңдөн аргасыз айрылганда.

Бүт баарынан кечип кеткиң келет алыска,

Үмүт өчүп, дүйнөң тарып турган чакта. Баары ушинтишкен, сүйүүлөр эскирбей элдин эсинде калган, дастан болуп айтылып калган, бирок өмүр өтүп кайрадан жаңы сүйүшкөндөр жаралат, кай бири жабыркашат… Бирок сүйүүлөрүнө жеткендер бат суушат, Изат, ушуну бир билип кой, тез эле биринен бири тажашат. Чанда гана сүйүүгө бек адамдар түбөлүк бири-бирин аздектеп, өмүрүнүн аягына чейин сүйүп өтөт.

- Мен дагы сүйүү жөнүндө далай жомок уккамын, өзүмдү ошондой алып жүрүүгө даярдачумун…

- Мен өтөөрмүн, мен баскан жолдор калаар,

А өмүрлөр улана берет кылымдарга.

Көз жаш төктүм мен дагы ушул жолдо,

Сүйгөнүмө жете албай бул жалганда.

Кайгы тартып тагдырыма таарынганда,

Баратам узак жолдо үнсүз гана.

А балким бактылуу да өткөн чыгаар,

Небересин жетелеп картайганда.

Мен баскан жолдор калаар…

Кум чайкап, издеримди чымдар басаар.

Жол узак, жата берет үн катпастан,

Эчен сырды жашырып катмарына.

- Сиз эргий баштадыңыз, мен чарчадым эс алайын, - деди Изат тамактардын калдыгын жыйыштырып жатып.

- Изат, бир аз кулак төшөчү.

- Макул, айта бериңиз.

- Дүйнөдө сүйгөнүмө жете албай,

Өмүрдөн өтүп кетүү кандай арман!

Эңсегеним бир өзүңдү сагынып,

Сени эстеп күнү бою кусаланам. Кусалык-арман, бул адамдын жүрөгүндөгү айыккыс дарт, ал дарттан арылуу кыйын, чын сүйсөң гана... - деп сүйлөп келатып, Шакирдин ушул жерден ойлуу Изатты тиктеп калды. - Балалык - оюнкараактык менен башка сезимди сүйүүгө алмаштырып алсаң, ал бат эле көңүлдөн чыгып кетет, тез унутулат.

- Мен ал сезимим чын сүйүүбү, жокпу, өзүм да билбейм, бирок Даниярды унуталбай койдум.

- Өзүңө бекем бол, өмүрүңө кара так түшүрдү деп мени жек көрөөрсүң, бирок бул экөөбүздүн пешенебиз.

- Баарына туруктуулук менен кароого үйрөндүм.

- Кайгырдым, катаал турмуш зардабынан,

Көнбөскө чарам барбы, айтчы маган.

Экөөбүз эки жерде азап чектик,

Ыйык сезим мени да, сени дагы жабыркаткан.

- Сүйүү сизди акындык жолго алып бараткан экен, - деп Изат дагы жылмайды.

- Келчи, Изат, боорума бир кысайын,

Жан дүйнөңдү оорутпачы ылайым.

Мен үчүн керек сенден бир гана,

Ымыркайдын үнүн бир угузаарың, - деп Шакирдин эки колун Изатка сунду. Ал бир азга карап туруп жанына келди да, тизелей отуруп, эринин төшүнө акырын башын койду. Шакирдин аны кучактап, чачынан жыттады. - Ырысым, үмүт-тилегим бир гана сенде, сен менин жарым боло албаганың өкүнүчтүү… Мен сага нааразы эмесмин, болгону кеткениңче мени менен сүйлөшүп турчу, көңүлүмдү ачып эрмегим болчу. Сен менин өмүрүмдөгү бир тамчы өмүр берээр дарыямсың, салкын абамсың, эс алаар чарбагымсың, - деп ушул ирет кыздын назик жүзүнөн өөп. Көзүнөн жаш сызылып агып турду. Кызды өзү менен алып калууга канчалык далалат кылган менен болбосун түшүндү. "Ушунусуна шүгүр, каалоомду аткарып, айтканыма көнгөнүнө шүгүр дейин. Зордук менен өппөдүм, кучагыма тартпадым, өз эрки менен болгонуна гана ыраазымын, жараткан өзүң колдойгөр, уул же кыз болсо ошолор үчүн жашашым керек, аларды жетимсиретпей жакшы өстүрүүгө акылуумун", - деп жатты ичинен. Көптө барып, экөө эки бөлүндү да, төшөккө жатышты.

Шакирдин эртеси почтага барып Шайлоонун наамына акча салды, анан темир жол станциясына барып тааныш издеди. Көпкө басып жүрүп, бир кезде аскерде бирге болгон Анатолийге жолугуп калбаспы. Экөө абдан жакшы учурашып, чайлаша албагандарына өкүнүч билдирип, телефон алышты. Ал Шакирдин үчүн өтө өкүнөөрүн айтты. Шакирдин ага Шайлоонун дарегин айтып, андан кат берип жиберди. Поезд жөнөгүчө күтүп туруп, Анатолий менен коштошуп, үйүнө жөнөдү. Катты мындайча жазган эле: "Саламатсыңбы, Шайлоо, саламым менен Шакирдин. Бул өмүрдө сага узак-узак өмүр тилейм, ылайым сакайып кет. Уулумду мага өз колуң менен тапшыраарыңа ишенем. Апаңдын өтүп кеткенине өкүнүч билдирем, Шайлоо, адамдын жаралып, кайра жок болуп турушу бул жашоонун мыйзамы экен, түбөлүк жашабайбыз. Ушул убакка чейин айтпаганыңа таң калып турам, балким таптакыр айткың келбегендир… Бирок кеч эмес, ушул ирет айтпаганда мен сенден биротоло түңүлмөкмүн. Себеби эки-үч айда билинет деп күтүп жүргөмүн. Бакытка бөлөп койдуң. Уккандан бери төбөм көккө жетип, жер менен баспай учуп жүрөм, ушул кезде жанымда болсоң менин кандай кубанганыма күбө болоор элең, Шайлоо. Менин барганымды каалабасаң мейли, бирок күнү-түнү сенин ден-соолугуңду кудайдан тилейм. Ашуу ашып издеп сүйүү гүлдөрүн, бир өзүңө белек кылып берейин, жан жыргаткан жылуу сезим тартуула, сен үчүн мен дүйнө кезип кетейин. Сүйүү гүлүн сага гана берейин, ашыктыгым сага гана айтайын, көкүрөктө ашып-ташкан сезимди, жалгыз гана бир өзүңө сактайын. Ашыкпачы, оорудум деп айтпачы, бул дүйнөнүн асылдыгын карачы, сендей сулуу бир асылзат ооруса, себеп болсун дартыңа, сөздөрүм ушул каттагы. Сен үчүн баарына даярмын, Шайлоо. Эч кабарсыз кетпе, мен сенден кат-кабар күтөм, аман-эсен, ден-соолукта бол. Кош, көрүшкөнчө, алтыным. 2006-ж. 14.08. Шакирдин Кожояров". Бул катты берип ийип, бир топ жеңилдеп калды. "Демек Шайлоого кат үч күндөн кийин жетет, кайра жооп жазаар бекен? Баса кол телефонумду берип ийсем болмок экен, мейли, дагы чалып калса кол телефон алышып алабыз да сүйлөшүп турабыз. Мурдараак болгондо жетип бармак экенмин, жанында болмокмун, врачтарга дайындамакмын, эми Изатты таштай албайм", - деп кетип жатты. Ошол убакта алдынан айылдык классташы чыга калбаспы, ал мектепте ынтымактуу жүргөн төрт достун бири болчу.

- Кандай, Шакир, кайдан жүрөсүң? - деп кол алыша учурашты Сабыр.

- Жакшы, өзүң кайдан?

- Мен ушул жактамын, стройкада иштеп жатам.

- Иш кандай анан?

- Ойдогудай, өзүңдүн ишиңчи?

- Баары жакшы, жашап жатам.

- Кел, жолугуп калдык, чай ичели бир жерден.

- Жарайт, каршы эмесмин, үйлөндүңбү, Сабыр?

- Ооба, үч балам бар, ошолорду багыш үчүн иштейм деп биерде жүрбөйүнбү? - Сабыр күлүп калды.

- Жакшы, куттуктайм, дос.

- Рахмат, кайда кеттик?

- Бул жерде бир кафе бар.

- Анда кеттик, - деп экөө ээрчише кафеге кирип, орун алышты. Ошол кезде алар бир кызыктай абалга туш болушту: экөө отурган үстөлгө бир беш-алты жашар бала келип:

- Абалар, нанга тыйын бересизби? - деп кир кийиминен колун чыгара туруп калды, улам мурдун тартып койот.

- Сен кимдин баласысың? - деди Шакирдин эңкейе.

- Эч кимдин.

- Атаң барбы дейм?

- Жок дедим го, мен Надя апа менен жашайм, ал ооруп жатат.

- Кайда жашайсың?

- Мына мунун артында, - деген бала колу менен жупуну үйлөр тарапты көргөздү.

- Атың ким?

- Толик, - деди Толик такылдай. Сабыр менен Шакирдин бири-бирин көз караштан түшүнгөндөй аны жанына отургузду да, тамакка заказ беришти. Толик кир колдору менен кашыкты кармап, тигилерди жал-жал карап алып, иче баштады. Аңгыча ашкананын официанткасы келип:

- Бул баланы бу жерге отургузганга болбойт, кардарлар качып кетишет, - деди эле Сабыр ага кичипейилдик менен түшүндүрмөк болду.

- Чоң кыз, бул деле адам го, жетимдикти күнөөлөөгө болмокпу?

- Ал жагын өзүңөр териштиргиле, биз жумушубуздан айрылгыбыз келбейт, - деди орус кыз Толикти акырая карап. - Мен сага бул жерге келбе дебедим беле?

- Кардым ачты, а сен мага калдыкты да берүүгө ыраа көрбөйсүң, - деп Толик мурдун шыр тарта тамакты шашыла ичип жатты.

- Чоң кыз, биз акысын төлөп жаткан соң орундуктун эмнесин коруйсуң? - деди Шакирдин жини келип. Орус кыз аны олурая карап:

- Кейпиңди оңдоп алчы, бирөөгө адалсынганды эмне кыласың? - деп Толикти колунан сүйрөп жөнөдү. Ошондо Шакирдин ордунан тура калды.

- Эмне дедиң, менин кейпим сенин кадырыңа доо кетирсе бул жерге иштебей кой!

- Ал сенин ишиң эмес.

- Оозуңду жаап кал! - деген Шакирдин ашкананын төр жагына жөнөдү. - Шефиңер кайда? - Ары жактагы башка официанткалар кабинетин көрсөтүп берип, ийин куушура таңдана карап кала беришти. Толик шашып-бушуп тамагын шыпкап ичип, ордунан туруп жөнөмөк болгондо Сабыр токтотуп койду. Ал ортодо салабаттуу кийинген толмоч орус киши менен Шакирдин залга келишти. Ал колун көкүрөгүнө ала Шакирдинге карап:

- Кечирим сурайм, экинчи мындай болбойт, - деди да, өздөрүн карап башын жерге салып турган жанагы официанткага кайрылды. - Кечирим сура. Орус кыз бул кейпи суук кишиден шефи кечирим сураганын көрүп: "Бир жерде иштеген неме го, эми мени Дмитрий Валерианович иштен кубалабаса болду", - деп ойлоп:

- Кечириңиздер, айыбымды кечириңиздер, - деди ийиле.

- Сизге рахмат, Дмитрий Валерианович, - деди Шакирдин жылмая.

- Эчтеке эмес, келип туруңуздар, ирээнжибеңиздер эч качан, сиздей мекени үчүн кызмат кылган адамды баарыбыз сыйлайбыз, - деп Дмитрий эңкейе Толикке карады. - Келип тур, балакай, бул кыздар эми сага эч нерсе дей алышпайт.

- Рахмат, байке.

- Мына, муну ал дагы кардың ачканда келе бер, уктуңбу? - деп баланын колуна бир тутам рубль карматты. Андан кийин: - Эмесе кош келипсиздер, жакшы барыңыздар, - деп ары басып кетти. Шакирдиндер сыртка чыгып, Толикти ээрчитип анын жашаган жерине келишти. Эскирген жыгач үйдө өчөйгөн кемпир отуруптур. Алар учурашып, ал-жайын сураганда кемпир өмүр таржымалын кыскача айтып берди.

- Чалым экөөбүз элүү жылдап ушул үйдө жашадык, балдарым, чалым өлгөн соң мен жалгыз калдым, үйүмө кыздарды жашатып жүрдүм, - деди Надя апа онтолой. - Анда кичине тың элем, бир кыз күзүндө үйдөн төрөдү. Ошол күнү раматылык чалымдын өлгөн күнү болчу, кубандым, эки күндөн кийин таштап кетип калды. Ымыркай бала менен мен кала бердим, эптеп бактым, адам баласын таштоого дитим барбады. Ошентип алты жылдан бери багып келе жатам, эми ооруп калдым. Эгерде өлсөм ушул үй Толикке калат, атына жаздырып, камсыздандырып койгомун, болгону ушул, пенсиям жетпейт, - деди Надя апа үшкүрүнө. Шакирдин менен Сабыр үндөбөй коштошуп кете беришти. Ошондон көп өтпөй Анатолий телефон чалып калды. Ал акыбал сурашкандан кийин:

- Шаха, мен сенин аманатыңды аткардым, алиги аял азыр ооруканада, абалы оор экен, төрөлгөндөн жүрөк оорулуу турбайбы. Ал тургай төрөөгө болбойт дешсе да болбой баласын алдырбай коюптур, врачтарга кайрылсам абалы оор экенин айтышты, - деди Анатолий.

- Сен өзүнө жолуктуңбу?

- Ооба, жолугуп сүйлөштүм.

- Эмне деди?

- Өзүм баарын билип туруп, төрөгүм келген дейт.

- Эмне кылсам экен, мен барсамбы?

- Келгениңдин кажети деле жок, операция жолу менен төрөтөбүз дейт, мен кабар алып турам.

- Сөзсүз кабарлаш, досум.

- Жарайт.

- Кош, көрүшкөнчө. - Шакирдин ишинде болчу, ойлонуп отуруп өзүн-өзү күнөөлөп жатты: "Неге төрөп бер дедим экен, балким төрөбөсө жашай берет беле? Жолобой койсом болмок, эми эмне болот, баланы кантем, экөөнү багуу үчүн бала багуучу жалдаш керек". Ойлору чачкындап отуруп, жумуш күнү бүткөндө үйүнө жөнөдү. Ар кайсыны ойлонуп жатып келсе, Изат тамак жасап коюп, аны күтүп отурган экен.

- Бүгүн эрте келдиң го, мурда кеч келчү элең, - деди күлө карап.

- Бүгүн кезекчим эрте келди.

- Чарчадыңбы?

- Аябай чарчадым, бирок сени көргөндө канча чарчасам да жазылып кетет, - деди Шакирдин келинди бетинен өөп.

- Ыраспы? - деди Изат заматта сумсая.

- Албетте, сен менин жалгызымсың.

- Жалгызыңмынбы?

- Ырас айтам, ичим элжиреп сагынып кетем.

- Макул эми, жуунуп келип, тамагыңды ич.

- Жарайт, кымбатым.

- Кооз сөздөрдү сүйлөйгөнгө машсың.

- Неге?

- Деги сөзмөрлүгүңдү айтам да.

- Ошондойбу, сүйлөсө сөз толтура эмеспи, келе гой, кымбатым, тамакты бирге ичели, - деп көңүлү көтөрүлө үстөлгө отурду.

- Бул күндөр дагы өтөт, кетет дечи…

- Албетте, көргөн түш сымал өтүп кетээри бышык, бирок көргөн түштүн да далилдөөчүсү болот, - деди Шакирдин жылмая.

- Кандайча далил?

- Элес, болбосо аян.

- Кызык экен.

- Көргөн түш кээде чындыкка жакыныраак болот, түштө көргөнүң өңүңдө кайталанат, а менин көргөн түшүмдүн далили сен белек кылган бала…

- Туура…

- Ошондой, кымбаттуум, - деп жадырай тамагын ичип жатып, Шайлоону эстеди. "Бечара, эми кандай болоор экен, баламды колума алыш үчүн сөзсүз барышым керек. Барып келгиче Изат кетип калбас бекен, кетпес чыгаар, эстүү кыз эмеспи, ачык айтып кетем да", - деп ойлоно түштү.

- Ойлоно берчү болдуң, - деди Изат суроолуу тигилип.

- Аа-а, ойлогонум сенсиң, Изат.

- Чынбы, эмнеге мени ойлоносуң?

- Кетериңди…

- Менин кетерим сен үчүн ошончолук оорбу?

- Айтпа…

- Тагдыр ушундай бир табышмак.

- Ооба, келип-келип тагдыр деген жазууга такап тим болобуз.

- Аргабыз канча?

- Эс ал, сен кош бойлуусуң, көп-көп укташың керек.

- Макул. - Изат төшөккө жатып калды. Шакирдин сыртка чыгып Анатолийге чалды, ал көп күттүрбөй телефонду алды.

- Алло, Анатолий, тынчыңды алганыма кечирип кой, мени эртең Шайлоо менен сүйлөштүрчү.

- Жарайт, суранычың кабылданат.

- Рахмат, досум, сөзсүз, унутпа.

- Унутпайм.

- Анда жакшы жат.

- Өзүң дагы, - деп телефонун өчүрүп коюп, үйгө кирип жатып калды. Бул турмушта күтүлбөгөн окуялар боло берет эмеспи. Шакирдин дагы гүлгүндөй жаш чагын элден корунуу менен өткөрүп, өзүнүн катаал тагдырына таарынып жүрүп, акыры жазмышка аргасыз көнүп берди. Алдыдагы жашоого көз карашын оңдоп, мындан ары карай дагы жашоо керектигин ойлонуп, өмүр сүрүүгө киришкен кезде ал дагы бир катаал соккуга туш болду. Дал ошол учурда атасы кайтыш болду деген кабар келип, үч күндөн кийин ал айылга жөнөп кетти…

Мунара Сейдимурат менен жашап жатты. Бир кыздан кийин уул төрөп алды. Бирок жүрөгү дале муз бойдон. Үйлөнгөндөн бери бир жылмайып күлбөгөн аялына Сейдимурат кээде жини келсе, кээде аяп: "Менде күнөө, жок дегенде бир жолу сүйлөшсөм болмок. Алты саным аман, ден-соолугу чың жигит болуп туруп, бир жолукпай ала качканым адамдык болбой калды. Акыры жүрөгүн ээлеп алам, сырын ачам", - деп өзүн-өзү алсактып жүрдү. Анан калса алар бир балалуу болгон кезде Сайра классташы бир тууган абысын болуп келген, экөө абдан ынтымактуу, бир туугандар дагы мындай ысык болбосо керек. Экөө бири-бирин сактап, бири жокто биринин жогун билгизбей жумушун жасай берет. Сейдимурат Мунарадан беш жаш улуу, иниси Ажымурат Мунаралардан үч жашка улуу, кыскасы ага-ининин ортосу эки жаш. Сайра менен Ажымурат сүйлөшүп, анан баш кошушкан. Токтоматтын Сейдимурат, Ажымурат, Токтомурат деген үч баласы бар, эң кичүүсү Токтомурат үйлөнө элек. Сайра менен Мунара бир күнү сырдашып отурушту.

- Мунара, сен дагы эле Шакирдинди унуталбай жүргөнсүң го, мунуң жарабайт, эки балаң турат, - деди Сайра эч ким жогунан пайдаланып акырын шыбырай.

- Кантип унутам, Сайра, ал кандай күндө калды, менин күйөөгө тийгенимди уккандан кийин тура албай кетип калыптыр…

- Пешенеңе буйруганы ушул болсо кантмексиң?

- Аргам жок, мите курттай жеп келе жаткан санаама дагы бир азап кошулду, - деп үшкүргөн Мунара көз жашын сыгып алды.

- Ал кандай азап?

- Сен укпай эле кой, Сайра, кош бойлуусуң, коркуп каласың.

- Ал эмне дегениң? - Сайра үрпөйө карады.

- Ооба, турмушта ушундай да болот экен, балким эчендерди купуя кыйнап келгендир, мындай азапта калып азап чеккен мен эле эместирмин.

- Айтчы, бай болгур, мен эчтекеден коркпойм.

- Коркосуң.

- Сен муну айтпасаң өмүрү бетиңди карабайм.

- Сайра, бала болбочу.

- Сендей курбум менен түбөлүк табакташ да, тагдырлаш да болгонума кубанып жүрсө, сен менден сыр жашырасың, - деп Сайра тултуңдай ордунан туруп кетти. Аңгыча күйөөсү Ажымурат келип калды. Чындап эле ошол күнү Сайра абысынына таптакыр сүйлөбөй койду. Сейдимурат аялынын өзүнө салкын караганынан улам кээде ичип алмай адат тапкан, ошол күнү да кызуу экен. Тамактанып өз бөлмөлөрүнө киргенден кийин:

- Мунара, алганыма алты жыл болду, эки балалуу болдук, ушуга чейин жүрөгүңдө тоңгон муз эрибеди, жылмайып күлө карабадың, эмне дартың бар деги? - деди кучактап алып.

- Сейди, - аны үйдөгүлөрү ушинтип аташчу, - Сейди, сен мага түшүнчү, менин мүнөзүм ушул.

- Ишенбейм, таптакыр башка кыз болчусуң.

- Өзүң бил ишенбесең.

- Мунара! - деди Сейдимурат аялын бери тартып. - Сенин сүйгөнүң бар беле, чындыкты уккум келет.

- Укканда эмне…

- Чынбы дейм?

- Сейди, мен сага кыз келдим, жүзүмдү эч ким өппөгөн, денемди бирөө көрбөгөн бойдон эшигиңди аттадым…

- Аттаганың башкысы эмес, сенин жүрөгүңдү муздай катырган бирөө барын айт, ошону ойлоп ушунча жыл таштай катып жүрөсүңбү?

- Сейди, мени жок жерден күйгүзбө!

- Аа-а, сен күйүп кеттиңби, ушунча жыл сенин муздай каткан денеңди кучактап, жылаан куттуктагандай болгонума мен күйбөймбү, ыя?

- Сен сүйгөн жок белең, бала чакта, ошондой бир сөз уккансың го…

- Башты адаштырба, чыныңды айт!

- Болгон, тагдырымдын катаалдыгынан жапа чегип ал менден өзү баш тарткан, алты саны аман күйөөгө тийишиң керек деп, мени ошентип өзүнөн түрткөн.

- Уу-ух! - деп алды Сейдимурат. - Ал сенден баш тартса да сен аны өмүр бою аздектеп сактап, койнуңдагы эриңе каш кагып күлө карап койбой эзилип жүрөм дечи?

- Койсоңчу, Сейди, менин мүнөзүм ушу дедим го, бай болгур, мына күлдүм, эмне өзгөрдү? - деп Мунара ага жүзүн буруп күлүмсүрөдү.

- Сен күлгөндө ого бетер ажарлуусуң.

- Ажардын эмне кереги бар, жаралып кайра өлө турган болгон соң.

- Өлүмдү ойлоп эмне кыласың, биз бактылуу жашайбыз, Мунара. Кыска өмүрдө бала тарбиялап, бардар жашасаң өткөн өмүрүң текке кетпейт. Биз эмес дүнүйөнү алаканына салып чарк айлантам деген Чынгызхан өткөн, жаным, мостойбой күлүп жүрчү.

- Жарайт, бирок обу жок күл деп айтпа.

- Макул, мен каалаганда.

- Түшүндүм, уктайлы ээ?

- Укта, жаным, - деп Сейдимурат Мунараны өөп коюп, көңүлү жайлана кучактап жатып калды. Мунара сыр билгизбей өмүрлүк жарына сыртынан жылмайганы менен жүрөгүнө миң ирет бычак жегендей тызылдап, жарасы сыйрылып жатты. Аны жанында жаткан күйөөсү кайдан билсин, бир аздан кийин коңурукту кош тартып кирди…

Мунара Гүлжигитти эбак эле унутуп калган. Жашоосунда ал кайрадан пайда болуп, атүгүл зыян келтирип, кийинки кездерде жанында кадимкидей жүрө турган болгондо чыдай албай бакырып сүйлөп, ыйлап да, каргап-шилеп да көрдү. Мунаранын бул кылыгын кайын журту жинди болуп кетти деп божомолдорун азырынча билген жок. Сайранын алты айлык боюнда бар эле, анын курбусуна таарынып сүйлөбөй жүргөнүн байкаган кайненеси Карлыгач өзүнчө күдүк ойго келип, күйөөсүнө кеп кылып отурду.

- Баягы заман эмес, чал, бир үйдө беш-алты келин казан-казан аш жасап, ымалалашып жашай бере турган. Биздин эки келин жакшы эле жүрдү эле, жакындан бери сүйлөшпөй калышты.

- Ээ тим кой, акыры табышат да.

- Урушту дейсиңби, андай эмес, атаандашат өңдөнөт.

- Эмне кыл дейсиң анан? - Токтомат кемпирин ормойо карады.

- Балдардын бирин бөлсөкпү дейм.

- Каякка?

- Тиги шаарга барып иштеп келишсин.

- Кимисин кет демексиң, курган катын, шаарга баргандар эле жыргап жатыптырбы?

- Иши кылып араларын бөлүп койсок, анда-санда көрүшсө ынтымакка келишет беле дейм да, - деп Карлыгач кейип жатты.

- Өзүң бил, балдарың бөлүнөм деген жокпу?

- Жок, балдарыңдан лам деп сөз чыкпайт.

- Анда тим кой, өздөрүнөн кеп чыкса ойлонуп көрөөрбүз.

- Мейли, чал, балдардын ортосун суук аралабасын дегеним да, аялдарынын чагымына кирип…

- Жаман ойлобо, кемпир, Мунара дурус келин, Сайра экөө бирге окуптур, ынак курдаш экен дебедиң беле?

- Өзү-ү… өзү ошондой экен дечи, эми абысын да, ким билет.

- Болду, өз эркине кой балдарды, - деп Токтомат чапанын күбүй басып кетти. Карлыгач кезинде сулуу болгон экен, азыр дагы ошол кербези кадимкидей бар. Алтымыштан ашса да күзгүнү жанына ала жүрөт, эки маал жыттуу атыр самын менен жуунуп, бетине крем сыйпанат. Өзүн жакшы алып жүргөнү эки келинине жагат, бир чети таңгалып да кетет. Ал түштөн кийин жуунуп келип, күзгүгө каранып отурганда Мунара кирди. Кайненесинин арт жагында караан турганын көрүп элейе карап калды, аны көргөн Карлыгач:

- Таңгалып турасыңбы, балам, карган кишинин эти бошоп калат экен, бу бет май жумшартып койот, кээ-кээде сыйпап койом, - деди эле Мунара ыңгайсыздана уялып кетти.

- Жо-жок, апа, сизди караганым жок, тиги бурчта Насырдын шымы бар экен, таппай жатсам биякта тура, - деп шашыла төргө өтүп, шымды алып чыгып кетти.

- Мунар, бери келчи, балам, - деп чакырды артынан Карлыгач.

- Оов, апа, чакырдыңызбы?

- Сайра экөөңөр таарынышып калдыңарбы?

- Жок, апа, эмнеге антип сурадыңыз? - деди Мунара күлгөн болуп.

- Таң, бири-бириң менен эже-сиңдидей элеңер, аз күндөн бери кыйгачтап калгандайсыңар…

- Жо-ок, апа, бизде кандай талаш-тартыш болсун, жакшы элебиз. Сайра бир аз өзүн жаман сезип жүрөт окшойт?

- Ошондой эле болсунчу, балам, бара гой, - деген Карлыгач шуу эттире үшкүрүп алды. Мунара кайненеси менен сүйлөшүп чыгып келе жатканда алдынан Сайра чыкты эле, аны колунан тартып, өз бөлмөсүнө алып кирди.

- Эмне болду? - Сайра кабак чытый сурады.

- Мен апам менен сүйлөштүм.

- Эмне деп?

- Ал экөөбүздү урушуп кеткен экен дептир.

- Десе эмне экен, - деп ого бетер терс бурулду Сайра.

- Кудай жалгагыр, мен сен каалаганды кылайын, дартың эмне деги? - деп Мунара курбу-абысынын кучактап өпкүлөп ийди. - Өл десең өлөйүн, деги жүз үйрүбөчү.

- Мага айт дегенди айтасың.

- Каалаганыңдай болсун.

- Чынбы? - Сайра аны кубанычтуу карады.

- Чын, ал тургай бир кызыкты айтып берем.

- Кандай кызык, ичимди бышырбай айтчы тезирээк.

- Токто-токто, алды менен өзүңө сак бол дагы акырын отур, анан жайланып ук, - деп Мунара аны карыдан ала төшөккө отургузуп, өзү маңдайына отурду да, Гүлжигит жөнүндө айтып келип: - Ошол бүгүн апамдын артында отуруптур, - деди.

- Койчу, ырас элеби?

- Өзүң айтпайсың деп таарынасың, айтканга ишенбейсиң, - деп эми Мунара Сайрага таарына тултуюп калды.

- Койдум эми, ак чөп башта, айта бер. - Сайра күлүп ийди.

- Ошол, корком андан, эмнеге бул үйгө келип калды десең.

- Кызык, чын эле бул жерде эмне жүрөт?

- Ошого көзүм жетпейт, неге десең, иши кылса кудай сактаса экен, Сайра.

- Коркпо, апам али кырчындай го, ден-соолугу да жакшы.

- Ошентсе дагы корком, менин кийинки азабым ушул, сен баягы Акматты билесиң да?

- Өлгөнбү?

- Ошол, билесиңби, аны өлөөрдөн эки жума мурун үйдөн чыга калып көрүп калдым, ошондо да Гүлжигит аны жандап алыптыр болчу.

- Ырас айтасыңбы?

- Ооба.

- Кудая тобо, эми канттик?

- Билбейм.

Ошентип эки курбу таарынычы жазылып, кайненесине түшкү тамагын бергени даярданып жаткан. Бир убакта Мунара жалдырай карап туруп калды, анын көз алдында Гүлжигит Карлыгачты жетелеп эшикти көздөй жөнөдү. Кайненеси унчукпай эле артынан кетип жатат. Экөөнү жалдырап карап турган Мунараны Сайра капталга нукуп койду.

- Сага эмне болду? - Абысынын шыбырап сураганда Мунара көзүн бардап ачып, кайненесинин ордунда эле отурганын көрдү да, сырткы бөлмөгө чыга качты. Жүрөгү лакылдап, жаман түш көргөндөй алактап калыптыр. Сайра артынан чыгып, маңдайына келгенде гана Мунара:

- Мага эмне болуп жатат, Сайра, көзүмө бирдемелер көрүнүп туруп алды да, - деп оозун жыйгыча Ажымурат кирип келди.

- Эмне болду силерге?

- Жеңем өзүн жаман сезип жатат, - дей салды Сайра.

- Эмнеге?

- Ооруп турам, - деп Мунара өз бөлмөсүнө кирип кетти. Түшкү тамакка баары чогуу отурушту, Мунара көргөндөрүн эстеген сайын өзүнчө коркуп жатты. "Бул эмнеси, ал бу үйгө неге келип калды, кырсык баспагай эле, апама айтып кеңешип келейинчи, эмнеге мен келген жерге келет?" - деп ойлонуп жатканда кызы Айназик кирди.

- Апа, сени атам чакырып жатат.

- Апо-ов, - деп төрт жашар уулу Денис да жанына келгенде Мунара ордунан туруп, алар отурган бөлмөгө кирди.

- Балам, бир жериң ооруп турабы? - деди Карлыгач.

- Башым айланат…

- Доктурга көрүнсөңчү, каның аз болсо керек? - деди Сейдимурат.

- Көрүн, балам, ден-соолук болбосо өмүрдүн кереги не, жараткандан ден-соолук тилегиле, балдар, - деди Токтомат балдарына кайрыла. - Бир жериңер ооруса дароо ооруканага жеткиле, мен өзүм ошондой болчумун.

- Жарыктык, доктур эмне кудай болуп кетиптирби, биринчи кудай жар болсо, анан доктур жөн гана себепчи да, - деп Сейдимурат атасынын сөзүн жактыра бербеди. Ал аялын ар кайсыдан кызгана бере турган, ошондуктан врачка жөнөткүсү келбеди.

- Мен атамдарга эле барып келейин, - деди Мунара акырын. Ал азыр кайненеси тарапты карагандан коркуп турду, караса эле анын жанынан Гүлжигитти көрчүдөй болуп, жаман акыбалдан чыга албады.

- Барсаң бар, балам, - деди Карлыгач келинине боору ооруй. - Денисти ээрчитип ал, кыз төркүнгө баласы менен барса ата-эне кубанып калат, балам.

- Мак
- Мен кошо барайынбы? - деди Сейдимурат Мунарага карай.

- Өзүң бил, колуң бош болсо.

- Мейли, чогуу барып келгиле.

- Ата-а, мен дагы барам, - деп Айназик ыйлагысы келип турган.

- Барасың, кызым, барбай анан, - деп Токтомат сөзгө кошулду. - Рашид куда төртөөң барсаң бирди сойбой койбос, - деди карсылдай күлө.

- Таятасы ансыз да сойот, жүргүлө анда даярданалы, - деп Сейдимурат кызын колунан алып, бөлмөдөн чыкты. Мунара уул-кызы, күйөөсү менен ата-энесиникине жөнөдү. Анын максаты эле апасы менен сүйлөшүп, сыр бөлүшүү. Сейдимурат машинасын от алдырып, аркы айылдын башына айдап баратты, кайненесин жетелеп кетип жаткан Гүлжигиттин элеси Мунаранын оюнан таптакыр кетпей койду. Алар келгенде Рашид кубана жээндерин биринен сала бирин көтөрүп өөп, кыз-күйөөсү менен учураша ичке киришти. Шахназ андан бетер кубанып, берээрге эчтекесин таппай калдаңдап жатты. Дасторконун жайып, үстүн толтуруп, жээндерине таттуулардан карматты.

- Алдыңа кетейиндерим десе, жей койгула, өткөндө тагаларың алып келди эле.

- Апа, тим койчу, жеп эле жатышат.

- Тим койчу беле, баланын балалыгы момпосуйдай таттуу өткөнү жакшы, биз барда эркелеп алсын.

- Таттуу көп экен деп кетпей коюшпасын, апа? - деп Сейдимурат күлүп калды. Аңгыча Рашид кирип:

- Кемпир, бычак менен чараңды даярда, баягы күрпөң козуну балдарыма союп берейин, - деди эле Сейдимурат каршы болду:

- Ата, кереги жок, келип эле жүрөбүз го, жеп деле жүрөбүз, башка бир коногуңузга жарап кетээр.

- Силерден өткөн коногум жок, кайсынысы биринчи келсе ошого союп берем деп койгомун, көккө тойгон козулар төштөн оттоп семиз, жээндерим эт жеп кетсин, - деп Рашид болбой койгон соң Сейдимурат кайнатасына жардамдашканы сыртка чыкты. Кечке жуук күрпөң козунун эти бышып, алдыга келгенде баары бапырап дасторконго отурушту. Кээде адамдардын көпчүлүгү жарыкчылыктын гана өтөсүнө чыгуу үчүн, күнүмдүк жашоонун гана камын көрүп, убакыт өткөн соң бейкапар гана бул дүйнөдөн өтүп кете берет. Кээси ак менен караны тааныгандан баштап өмүр өтөлгөсүнө кандай болгондо гана чыга алам деп көзү менен көрүп, көкүрөгү менен туюп гана жашай алат, андай адам чанда чыгат. Тирүүчүлүктөн, жараткандан болушунча белек алып калууга ашыгат. Ошондо да өзүнүн өлбөстүккө карай жол табаарына ишенип жашайт. Көр пенде… Көр пендечиликтин кулу болуу өкүнүчтүү, адам экенин, дүйнөдөгү тирүү жандардан ашыкча жаралганын сезбей өтүү андан да өткөн арман! Өзүнүн адам деген ыйыктыгын сезген адам кандай бактылуу да, кандай акылдуу! Тамактанып отурушканда Мунара ичинен сызып апасы менен сүйлөшпөсө жарылып кетчүдөй абалда түндүн киришин, эл жаткан убакты күтүп, ичтен сарсанаа боло берди. "Кандай армандуу күндө калдым, сен мага өтө нааразы болуп калган экенсиң да, Гүлжигит. Кеч болсо да кечирим сурайын, кечир мен. Азыр дагы жакын жерде экениңди билип-туйуп турам, суранарым менин ата-энем менен бир туугандарыма, балдарыма зыян кыла көрбө, текеберчилигимди кечир. Мен жүргөн жерден алыс бол, азыр сен Алла алдындасың, балалык байкабастыгымды, кенебестигимди кеч", - деп ойлоп зыңгырай отуруп калганда Шахназ байкап тим болду. Рашид кызынын тамакка жакшы карабаганын көрүп:

- Кызым, сен тамакты албай койдуң го? - деди.

- Ичип жатам, ата, - деп табакка колун салды Мунара.

- Ата, Мунара өзүн жаман сезип жүрөм дейт, эмнеге экенин билбейм, - деп Сейдимурат Мунаранын ордуна жооп бере салды.

- Эмнеге? - Шахназ чочуп кетти, анткени бир жолу барганда Мунара чет-жакасын чыгарган эле.

- Кудай сактасын, эртең апаңды ээрчитип алып, доктурга көрүнүп кел, - деди Рашид демейдегидей эле бейкапар.

- Макул.

- Сен кал, балдар менен мен кете берейин, - Сейдимурат аялына камкордук кыла сүйлөдү. - Эмнеси болсо дагы бир көрүнүп кой.

- Ооба, көрүнүп кой, - деп Шахназ ичтен тынды. "Кудай ай, эмне эле болуп жатат, балаң кургур нааразы кылып койгон го? Шакирдинди ойлоп жүрүп, анын көңүлүн оорутуп койгон экен да. Мен Гүлсара менен Турарга барып куран түшүртүп, кеч боло электе мүрзөсүн тайытып келейин, антпесе болбойт, зыяны тийип жүрбөсүн", - деген чечимге келип, дасторкон жыйылгандан кийин кыз-күйөөсүнө конок бөлмөгө орун салды. Мунара балдарын уктатып коюп, апасына келди, экөө көпкө сүйлөшүп отурушту.

- Апа, мен корком, эмнеге мындай экенин билбейм, - деп көзүнө ачык эле көрүнгөн окуяны айтып берди. Шахназдын жүрөгү болк этип алды, кызынын коркуп калганын көрүп аяды.

- Мен Турарга барып келейин, кызым, сен үйдө каласыңбы?

- Билбейм, Сейди мен кайда барсам эле кошо барат.

- Анысы жакшы, кызым, күйөөң сени жакшы көргөнүнөн ошентип жатат да, Сейди жаман бала эмес, балдарың турат, аны ирээнжитпе. Кайната-кайненең деле жакшы кишилер, өзүңдү эркин кармап жашаганга үйрөн, Сайра кандай жүрөт?

- Жакшы эле.

- Аны менен ынтымагың дуруспу?

- Апа, кызык суроо бересиң да, сөздүн мааниси башкада болуп жатпайбы, ишенсең Гүлжигит кийинки келгенинде эле экөө болуп келген.

- Эмне дейт, чунак кыз?

- Мен өзүм деле ишенген эмесмин, бирок кийин түшүндүм, көрсө мени менен коштошуптур…

- Эмне деп?

- Экинчи келбейм деген, а мен келбегениң жакшы деп урушуп койгомун, кийин билсем ал аварияга учурагандан кийин келиптир.

- О-олда кудай ай, баласың да, бекер урушкансың, ошого нааразы болуп калган го?

- Билбейм, апа, менин айланамдагыларга көз көрүнөө зыян кылганча өзүмө тийсе болот эле…

- Ок, эмне деп дөөрүп жатасың, ойносоң да ойлоп сүйлөчү, кызым. - Эне кызын бооруна тартып кучактап алды. - Дагы эле баласың да, айтканымдан кайттым, ооз кесиримди кеч деп жүр, кызым.

- Эми кайненем бирдеме болсо кантем?

- Кудай сактасын.

- Корком, неге мындай, апа?

- Коркпо дедим го, андан көрө бала-чакамдын күнүн көрөйүн де, - деди Шахназ Мунараны жубата. - Сен эми өзүң энесиң да, кызым.

- Кой мен жатайын, Сейди эмне деп ойлойт, эртең аны кете бер дейинби?

- Өзүңөр макулдашкыла, кызым, - деди Шахназ Мунарага ичтен сыза карап. Эне-бала бөлүнүп, өз-өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Рашид эбак эле коңурук тартып уктап калыптыр. Мунара киргенде Сейдимурат ойгоо болчу, балдарын кымтылап коюп, телевизор көрүп жаткан экен.

- Келдиңби? - деди ал.

- Ооба, уктай элексиңби?

- Жок, уйкум келбей жатат.

- Менин уйкум келди, - деп Мунара балдарынын аркы четине кыңкайды.

- Жаныма жатпайсыңбы?

- Бүгүнчө балдар менен жөн жаталы.

- Макул.

- Эртең мен калайынбы, Сейди?

- Мейли, балдарды ала кетейинби?

- Тим кой, атам менен жүрө берет, Айназик кол аякка жарап калбадыбы, таятасына жардам берет.

- Мейли, эртең менин жумушум бар, эки-үч күндө барасың да.

- Ооба, барып калам, - деп Мунара көзүн жумду. "Оо кудай, менин айымдан бирөөлөр зыян тартпаса экен, кечире көр, кудайым", - деп өзүнчө ойлонуп жатып, көзү илинип кетти. Бир кезде көзүн ачса кадимкидей жарык бөлмөдө, өзүнүн жатчу бөлмөсүндө отурган экен. Эшик ачылып Гүлжигит кирет, бул жолу ал аппак кийим кийип алыптыр. Мунара ага карап, сен кайдан жүрөсүң?" десе "Менби, мен алыс жактан атайы сени көргөнү келбедимби", - деди жылмайгандай. "Эмнеге алыстан, сен биздин эле үйдө жүрөсүң го?", "Жо-ок, эбак кеткемин, ата-энемден дагы кетип калгамын, мени болбой алып кеткен", "Ким?", "Анын сага кереги жок, сен кандай жүрөсүң?", - "Мен жакшымын", "Тиги ким?", - дегенде Гүлжигит көрсөткөн жакты караса жанында күйөөсү жаткан экен. "Албы, менин күйөөм", - деп жооп берди. Гүлжигит: "Сен күйөөгө тийдиң беле, мен аны өлтүрөм!" - деп колдору арбайта Сейдимуратты көздөй келе жатканда Мунара: "Жо-ок!", - деп аны денеси менен тосо калды. Ошол жерден ойгонуп кетти. Үнүнүн барынча кыйкыргандай болгон, бирок эч ким укпаса керек, күйөөсү менен балдары бейкапар гана быш-быш этип катуу уйкуда жатат. Демиккенин зорго басты, көпкө соксоюп отуруп, саатты караса түнкү үч болуптур. Өзү деле бирлерге жакын жаткан болчу: "Кудай ай, бул эмне деген түш, мындан канткенде кутулам?" - деп кайрадан кыңкайып башын жаздыкка койду. Ошол түнү уйкусу чала болуп, эртең менен ооруксунуп ойгонду. Бул түшүн ал эч кимге айтпады. Эртеси таңкы тамагын ичишкенден кийин эле Сейдимурат шашып кетти, ал жумушуна баратып жолдон кокустукка учураптыр. Шахназ менен Мунара врачка көрүнгөнү жөнөп жатканда Ажымурат келип калды.

- Жеңе, байкем жолдон аварияга учураптыр, - дегенде эле Мунара:

- Аманбы? - деди өңү кубара.

- Аман-эсен, буту сыныптыр.

- Кеттик, ооруканадабы азыр?

- Ооба.

- Ай кудай ай, кандай болуп кетти? - деп карбаластап балдарын кийинте албай калчылдап жатып, түндөгү түшүн эстеди. "Кудай сактаган экен, балдарымды атасыз калтыра көрбө-ө, жараткан, баарын мен көтөрөйүн, мага көрүнсүн, башкасына тийбе, кудайым", - деп унаага отуруп, Шахназ болуп жөнөп кетишти. Алар келгенде Сейдимуратты райондук хирургияга алып кеткен экен. Артынан келсе сынган бутуна операция жасап жаңы эле бүтүшүптүр, наркоздон тура электигин айтып үстүнө киргизбей коюшту. Тынчы кеткен Мунара ардемени ойлоп, ыйлап да алды, аңгыча кайнене-кайнатасын алып Токтомурат келди. Врачка кирип сураганда ал жоон сандын сөөгү талкаланып кеткенин айтты. Эки сааттан кийин бир-экиден зорго киргизишти. Көзүн ачкан Сейдимурат адеп аялын, эне-атасын көрдү, ар кимисин айланта карап:

- Мага эмне болду? - деп сурады.

- Эчтеке болгон жок, балам, бардаштуу бол, бу да болсо кырсык, кудай сактады, балдарыңдын ырысы бар экен, - деп Карлыгач керебетти тегеренип жиберди. - Силерден мурда мен кетейин, балам, көрөөрүмдү көрдүм, кудайга шүгүр, - деп ыйлап да жүрөт.

- Апа, ал эмнеңиз? - Мунара кайненесин кармай калды. - Тобо дейличи, апа.

- Кантейин, балам, жүрөгүм оозума тыгыла түштү, кечээ эле жакшынакай кеткен балам авария болду десе…

- Кудай дейличи, апа, - деген Мунара көз жашын аарчып, Сейдимураттын колун кармап отурду, - Деги өзүңдү жакшы эле сезип турасыңбы?

- Жакшы элемин, апамды үйгө алып кете бергиле, кырсык каш-кабактын ортосунда деген чын экен, дагы аман калдым, - деди Сейдимурат онтолой.

- Балам ай, үйдө кантип чыдап отурам, жети жолу тегеренип анан кете берейин, мени токтотпо, - деди да, оозун кыбырата керебетти жети жолу тегеренди. - Өмүрүң узак болсун, каралдым, - деп эшикке чыга берди. Мунара күйөөсүн карап, ийин куушурду.

- Сен апамды үйгө алып кет.

- Макул, биерде ким калат?

- Бүгүнчө сестралар карайт, эртең эрте кел.

- Макул, эми атамдар кирсин, - деген соң Мунара күйөөсүн эңкейе өөп жыла бермек болгондо Сейдимурат шап колунан кармап калды.

- Мени жакшы көрөсүңбү, Мунара?

- Ооба, күмөн болбо, - деп жылмайып койгондо Сейдимурат аялын колунан тартып, оозуна алпарып өптү. - Жаным, мени сенин элесиң сактап калды, - деди эле Мунара чочуп кетип:

- Эмне дейсиң? - деди муундары калчылдай.

- Сенин элесиң дейм, менимче сенин мага деген сүйүүң эми ачылса керек, мен абдан ыраазымын, жаным, бар-бара бер.

- Жакшы жат, кудай кубат берсин, - деген Мунара дагы күйөөсүн эки бетинен өбө чыгып кетти. Андан кийин бир туугандары менен атасы кирип ал-абалын сурап жатты. Бирок Сейдимурат жолдо эмне болгонун эч кимисине ооз ачпады, жакшынакай сүйлөшүп көңүлдөрүн жай кылып кетирди. Ал күнү Мунара үйүндө болду, болгонун курбу-абысыны Сайрага айтып, ыйлады. Ошондо Сайра ага:

- Сен намаз оку, Мунара, кудайдан сурап, арбактарга куран окууну үйрөн, - деди боору ооруй.

- Ошондо баары жай-жайына келээр бекен?

- Көрөсүң да, намаздын канчалык кудуреттүүлүгүн, өзүңдү убайымга сала бербей ошентип көр.

- Макул, үй-бүлөмдү сактап калыш үчүн кандай жол болсо да барууга даярмын.

- Ыйлаба, алтыным, акем сакайып кетет, ага чейин сен болгону намазды үйрөнүшүң керек.

- Үйрөнөм, күнү-түнү окусам үйрөнөөрмүн, - деди Мунара ишенимдүү. Эртеси күйөөсүнө келди, бутун асып коюптур, мемиреп уктап жаткан экен. Алып келгендерин тумбочкага коюп, жанында ойгонушун күтүп отурду. Сейдимурат бир топто көзүн ачып, онтоп алды да, анан:

- Келдиңби? - деди Мунараны көрүп.

- Келдим, кандай, жакшысыңбы?

- Дурус, сынган жерим сыздап ооруп жатат, оңой менен бүтө койбосо керек, - деди кабак чытый кыйналганын билдирип. Өңү кер-сары тартып турганына ичинен Мунара кейип кетти.

- Ушунусуна да шүгүр дейличи, аман калганың олжо болбодубу.

- Анысы бар, - деген Сейдимурат ойлуу шыпты тиктеп жатып, анан Мунарага бурулду. - Бир кызыктай көрүнүшкө туш болдум: силердин үйүңөрдөн узай бергенимде бир караан артымдан жүгүрүп жөнөгөнүн күзгүдөн көрдүм. Токтоюн дегиче ал жетип келип, арт жактан машинаны көтөрүп кирди, мен таңгалып эсимди жыйгыча кырдан учуп бараткандай болдум. Үстүмдөн машина басып калаарда сен мени калкалап, кучак жая бооруңа кысып, ары карай алып кеттиң. Башкасы эсимде жок, азыр эстеп көрсөм, силердин жаныңарда андай бийик жар жок эмеспи, туурабы?

- Кайдан, айыл ичинде андай жер жок да.

- Анда мен бийик жардан куладым.

- Коркконго ошондой көрүнсө керек. - Мунара коркуп турса да күйөөсүн жубата сүйлөдү, ал Гүлжигиттин ошондой бийиктен кулагынын уккан, жүрөгү лакылдап кетти.

- Сага эмне болду, өңүң жаман болуп кетти, коркпой эле кой, баары артта калды, - деп Сейдимурат келинчегинин колуна кол сунуп баратып, анын колдору калтырап турганын байкады. - Сен аябай коркуп калгансың го, жаным, үйгө барып балдардын жанында болчу.

- Жок-жок, сенин жаныңда болом.

- Сестралар жооп берсе кал, болбосо үйгө бар, ээ?

- Сүйлөшүп көрөйүн.

- Чочулабай эле койчу, айттым го, баары артта калды.

- Коркуп кеттим, Сейди, эки балам менен менин бактыма аман болчу деги, жаныңдан чыккым келбейт.

- Жаным, - деп Сейдимурат аялынын ушунусуна жүрөгү менен кубана ыраазы болуп турду. Мунара тамак куюп келип, Сейдимураттын башын өйдө кылды. Анан көкүрөгүнө салфетка койду да, өз колу менен тамак берип жатты, анткени сол колу да жаракат алып таңылуу болчу. - Жүрөгүмө баспай турат, тим эле койчу.

- Жо-ок, аз болсо да ичип турушуң керек, ачка болуп каласың, анда мен дагы эчтеке ичпейм, - деди Мунара жылмая кашыкты оозуна алпарып.

- Келе ичейин, - деп эптеп үч-төрт кашык ичкен соң көңүлү айнып ары карап кетти. - Мунаш, мени кыйнаба, баспай турат.

- Макул, - деп идиштерин жууп, ордуна коюп, жанында көпкө отурду. Аңгыча сестра келип, түшкү уколун сайып, капельница коюп кетээрде Мунара ага кайрылды:

- Кечиресиз, эже, мен өзүм карасам болобу?

- Жок, врач уруксат бербейт, күйөөңүз жакшы, өзүбүз карайбыз.

- Өзүм карасам болот эле.

- Жок-жок, өтө оор болсо уруксат берилет, сиз бара бериңиз.

- Рахмат, - деп улутуна отуруп калды Мунара.

- Кабатыр болбой бара бер, - деди эри башын бура. Ошол убакта Токтоматтын бир туугандары, келин-уулу менен кыз-күйөөлөрү топурап кирип келишти.

- Оо, кандай, Сейди, акыбал жакшыбы?

- Кандай, Секе? - дешип ар бири өөп, акыбалын сурашты, Мунара менен учурашууну дагы унутушкан жок. Алар келгенден кийин Мунара үйүнө кетти, сестранын абалы дурус дегенине көңүлү тына түштү. Үйүнө келгенде ар кимиси Сейдимураттын ал-абалын андан сурай беришти. Баарына көргөн-билгенин айтып, жанына келген уулун өөп, кызын эркелете отуруп калган. Карлыгач төрдө отурган болчу, кыңкайып жатаар замат анын жанына Гүлжигит дароо жетип, колунан тартып өйдө кылды да, алып жөнөдү. Мындайда Мунаранын бүткөн бою муздап, оозуна сөз кирбей туруп калчу болгон. Ушул көрүнүш үч жолу кайталанды, Мунара бул жаман көрүнүш экенин билип турса да эч нерсе дей албады. Ошондон баштап эч кимге сырын айтпай эле бөлмөсүнөн чыкпай намаз үйрөнө баштады. Күн алыс күйөөсүн көрүп келет. Анан намаз жаттап, даарат алганды жакшылап үйрөнүп жатты. Сейдимураттын жатканына эки жумадан ашып калган, Карлыгач аны көргөнү келип көпкө отурду. Кетээринде:

- Уулум, жакшы болуп кет, садага, мен кетейин, - деди эки бетинен өөп.

- Кам санаба, апа, жакшы бар, мен сакайып калдым, эми келбе, кыйнала бербей үйдө эле бол, буйруса барып калам.

- Кош, каралдым.

- Кош дегениң эмне, апа? - Сейдимурат апасын таңгала карады.

- Жөн эле, каралдым, картайганда алжыгандыкы го?

- Койчу, апа, азыр сенин алжый турган убагың боло элек, - деп Сейдимурат күлүп койду.

- Кечир алжыган энеңди, уулум, мен кеттим, - деп босогого жеткенде уулун дагы бир карады. Сейдимуратка апасы кызыктай көрүнүп, аны аяп кетти. "Байкуш апам, биз үчүн эле картайды, эми аз болсо дагы биздин сыйыбызды көрүшсө экен атам экөө, айрыкча эне деген балага башкача болот тура", - деп ойлонгуча ал чыгып кетиптир, ичи ачышып апасын кайра көрбөөчүдөй болуп турду. Ошол күнү кеч күүгүмдө Токтоматтын үйүнөн чуу чыгып, коңшу-колоңу менен уккан эл өздөрүнчө жооруп жатышты, бир кыйласы алардын үйүнө агылып эмне болгонун билүүгө ашыгып баратат.

- Ботом, эмне болуптур? - деди үч-төрт үй ары турган ушакчы Күмүш, өтүп бараткан бирөөнү токтотуп.

- Кайдан билем, барып көрөм го, мындайда үйдө отура албайт экенсиң.

- Бечара баласы авария болду эле…

- Ал жакшы болуп калган.

- Эмне болду экен, токтой турчу мен дагы барайын, - деп Күмүш аны ээрчий басты. Чынында көбү Сейдимурат бирдеме болгон экен деп жатышты. Качан чындыкты угушканда кейип-кепчип:

- Карлыгач жакшы аял эле, учурунда сулууларды алдына чыгарбаган сулуу эле, - деди Канышай деген аял. - Далай чоңдорго кымыз сунуп кайкалады го.

- Болду эми, бирөө укса эмне дейт, оорубай этпей эле жүргөн байкуш, ажал келсе айла жок экен да.

- Баласы авария болгондо катуу тиленген экен, керебетке тегеренип ийиптир.

- Ай-ий байкуш ай-я, баласынын ордуна кеткен экен анда.

- Ким билет, кудай эненин ордуна баланы, баланын ордуна энени алмакпы, болгону айтылган сөз го? - дешип ар кайсыны айтып, өлүк ээлерине жакшы сөздөрүн айта жардамдашып жатышты. Муну уккан Сейдимураттын боздогонун айтпа, Мунара дагы кайненесин койгончо келе албады. Шахназ келип-кетип жатты. Мунара ушул ирет өзүн күнөөкөр сезип жүрдү. "Мен бул үйдөн кетишим керек, дагы бирине зыяны тийе электе кетейин. Мен гана күнөөлүүмүн буга, Сейди араң аман калды, бул үйдө тура албайм", - деп Карлыгачты койгон күнү кечинде күйөөсүнө келди. Көздөрү шишип-көөп, ыйлагандан үнү бүтүп калганын көрүп, Сейдимурат аялына ичи жылый аябай өксүп ыйлады. Ансайын өзүн күнөөлөгөн Мунара күйөөсүнүн түрүн карап тура албай кошо ыйлап отурду да:

- Мен барайын, келгендер тыйыла элек, Сайра кош бойлуу, кыйналып калбасын, - деди.

- Бар, бара гой, жаным, апама акыркы жолу кызмат кылып кой, айла канча, мен минтип бара албай, топурак сала албай калдым.

- Өзүңө кара, кайра ооруп калба.

- Мен жакшы элемин, сен өзүңдү карачы, аябай кыйналсаң керек, - деп бири-бирин аяп коштошушту. Жолгата Мунара өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап келе жатты. Жылкы теппей, жылаан чакпай, күйөөсү тигинтип жатканда кетип калууга дити барбай күн өтө берди. Бир жарым ай дегенде Сейдимуратты үйгө чыгарып келишти. Ал машинадан түшкөндө эле өкүрүп, көптө зорго басылды, эки балдак менен боз үйгө кирип куран окуду. Мунара ар кимисин кароодон коркуп: "Дагы кандай болот, эч кимисине жолобосо экен, кудай ай", - деп ойлоно берип өзү арыктап да кетти. Баягыдан кийин апасына да эчтеме айтпады, бардык ой-санааны өзү тартып, уктап жатса да чочуп ойгонот. Сайранын ай-күнү жетип калган. Бир күнү эртең мененки чайда отуруп, Мунаранын жүрөгү шуу дей түштү. Гүлжигит кичинекей бала болуп Сайранын этегине отурат, анан баланы алып, кенебей эшикти көздөй чыгып кетти. Эси ооп калган Мунараны:

- Апа, мага чай берчи, - деген кызынын үнү селт эттирип ийди, кайра караса Сайра эч капарсыз эле чай ичип отурат. Ал абысынын аяп, такыр жумуш жасатпай койгон эле.

- Жеңе, - деди Сайра ошондо, ал күйөөсү менен кайындарынын көзүнчө жеңе дечү, - мен бүгүн ооруксунуп турам. Экөөбүз врачка барып келбейлиби?

- Макул, - деген Мунара андан көзүн ала качты.

- Мен камына берейин, - деп ордунан туруп баратып чаңырып ийди, Мунара жетип кармай калды, Ажымурат шашкалактап ары жактан чуркап келди.

- Машинаны даярда, - деди Мунара кайнисине. Шашыла Сайраны төрөтканага жеткиришип күтүп калышты. Мунарада жан жок, селейип: "Аман-эсен төрөп алса экен, туну эмеспи, кудай ай", - деп сарсанаа болуп турганда акушерка чыкты.

- Кечиресиздер баланы алып кала албадык, өзүн зорго сактадык, - деди күнөөлүүдөй.

- Кантип, жакшы эле жүрбөдү беле?! - деп Мунара бакырып ийди. Ажымураттын башы шылк дей түшүп, бир аздан кийин:

- Өзү аман болсо болду, - деди оозу бош.

- Өзү абдан кыйналып калды, азыр укол салдык, ага дагы оор болду.

- Кирсем болобу? - Мунара акушеркадан суранды.

- Киргиле, бирок ага айта элекпиз.

- Эмнеге? - деп Ажымурат медсестраны элейип карап калды.

- Азыр өзү начар, өзүнө келгенде айтуу керек.

- Жарайт-жарайт, өзүнө жолугуп сүйлөшөлү, - деп палатага кирип барышты. Сайра көзүн жумуп жатат, кыязы уктап жаткан болсо керек. Унчукпай жанында бир топко отурушту, көптөн кийин ал көзүн ачып:

- Мага эмне болду? - деди беркилерди кыдырата карап, кыңылдап араң сүйлөдү.

- Сен төрөтканадасың, кандай, жакшысыңбы? - Мунара бетинен өөп, колун кармады.

- Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деп Ажымурат коомайлана сурап койду.

- Мен төрөдүмбү, жеңе?

- Мм... сен кыйналганыңдан алып келбедикпи.

- Анда-а, - Сайра колдорун ичине алпарып, - жеңе, мен төрөгөн турбайынбы ээ, эмне экен, кызбы же уулбу? - деп бажырая караганда Мунара жер карады, күйөөсү да ары бурулуп кетти. - Эмнеге унчукпайсыңар, деги балам аманбы?

- Тынчтаныңыз, сизге тынчтык керек, - деп сестра кирип келди. - Сиздер бара бериңиздер, - деп Мунара менен Ажымуратка кайрылды.

- Эже, менин балам кана? - деген Сайранын сөзүн укпаган болду сестра. - Эже, балам кайда дейм?

- Сизге укол саям, кана жамбашыңызды, - дегенде Сайра жини келип, бакырып тура калды.

- Эмнеге унчукпайсыңар, балам кайда деп жатам, айткылачы, балам кайда экенин? - деп ыйлап киргенде Мунара чыдай албай курбусун кучактап калды.

- Тынчтанчы, жаным, садагам, өзүңдү карачы, кыйналып каласың, өзүңө келчи, - деп кошо ыйлап жатканда Сайра аны күч менен түртүп ийди.

- Мен өлбөйм, жакшынакай элемин, баламды бергиле дейм!

- Болду, тынч жатыңыз, - деп медсестра болбой жатып, укол сайып койду. - Азыр врачты чакырып келем, өзүңүздү сактаңыз, ооруп каласыз, - деп палатадан чыгып кетти. Мунара анын артынан палатадан чыкты, туалетке кирип көпкө ыйлап, кайра келди. Врач келип Сайраны көрүп, көздөрүн ачып карап, текшерип бүткөндөн кийин:

- Кызым, биз сени кубанта албайбыз, буйрук эмес экен, баланы сактай албадык, келгенде эле өлүк төрөлдү, - деди эле Сайра бетин басып алып ыйлап жатты. Мунара кайнисине ымдады:

- Сен барып тынчтандыр…

- Сайраш, капаланбачы, буйруса дагы берээр кудай бизге, сен өзүң аман калганың да жакшы болду, өзүңдү кармачы, - деп колунан кармап жубатып киргенде Сайра күйөөсүнүн колун кагып ийди.

- Кереги жок, мага эми эч кимдин кереги жок, балам болбогондон кийин мага эч кимиңердин керегиңер жок. Менин да жашагым келбейт! - деп эчкирип ыйлап жатып, уколдун таасири тийдиби, чачтары саксайып, кара терге түшкөн бойдон көшүлүп уктап калды. Мунара эмне кылаарын билбей турганда Сайранын апасы менен жеңеси келди. Алар уккандан кийин кете албай дагы көпкө отурду, апасын "кудагый" дебей "аяш апа" дечү. Ал кейип-кепчип кызынын жанында калмак болду. Кеч күүгүмдө келди Мунара, Сейдимурат балдак менен басып жүргөн, утур карап турган экен.

- Ушунча да кечигесиңби, эмне болду?

- Ошондой болуп калды, Сейди.

- Төрөдүбү Сайра?

- Ооба, баласы өлүк экен, - дегени менен өзүн күнөөлүүдөй сезе берди, ичинен: "Мен булардан кетишим керек, токтоого болбойт", - деп ойлоп, үйгө кирип келе жатканда кайнатасы чыкты алдынан.

- Балам, эмне келин төрөдүбү? - деди. Мунаранын оозуна кеп кирбей такала калды.

- Ата, баласы өлүк төрөлүптүр.

- Эмне дейт, кудай урган тура, баланы алып келдиңерби анан? - деди сакалын сербеңдете.

- Жок, аны ким билет, ата.

- Таштап койчу беле, ал дагы биздин чырпыгыбыз, ата-баба жаткан жерге коюш керек.

- Ата, болбогонду койсоңчу, - деп Сейдимурат жактырбагандай кол шилтеди эле Токтомат чарт жарылып кетти:

- Ок ата-аңдын ооз-зунурайын десе, он эки мүчөсү чыгып калган адам баласын доктуруңар таштандыга ыргыта салат! Алып келгиле, жанагы акмак атасы кайда жүрөт, түндөп барып алып келсин!

- Ата, Сайранын акыбалы оор, балам кана деп ыйлап жатат, ал жанында калды.

- Кудай урган десе, келинге да кыйын болгон экен, мейли эми, баланы таң атпай барып өзүм алып келем, өзүм жерге берем, - деп Токтомат ары басып кети. Мунара шымалана кечки тамак жасаганга киришти, балдары кеч кире уктап калышкан экен. Эртелеп тамагын берип жатканда кабагы салыңкы Ажымурат келди. Аны көргөн атасы үнүн пас чыгарып: - Келин жакшыбы? - деди.

- Жакшы.

- Баланы эмне кылдыңар?

- Эмне кылмак элек? - Ажымурат атасын суроолуу карады.

- Таң эрте алып келип койолу, балам.

- Аны эмне кыласың, ата?

- Ай, балдар, туулган балага жаназа түшөт, аны кадимкидей мүрзөгө койобуз, уккан эл наалат кылбайбы?

- Ошентиш керекпи?

- Аны ата-баба жаткан жерге коюу керек, балдарым, түйүлдүк болгондон баштап сенин, менин каным ал бала, уктуңарбы?

- Уктук, кайдан билмек элек? - Сейдимурат үңкүйө үн катты.

- Ошондон өйдө коймок беле? - деп Ажымурат кежирлене сүйлөдү. Токтомат унчуккан жок, ал айттым болду, түшүнсөңөр түшүнүп алгыла дегендей жатаар бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол түнү Мунара уктай албай чыкты. Көз алдына Гүлжигиттин кичинекей бала болуп Сайранын этегинде отуруп, анан кайра кадимкисиндей көтөрүп чыгып баратканы, Сайранын өзүн ыргыта түрткөнү, "Балам кана, айткылачы, балам кайда?", - дегени кулагына жаңыра берип, таң атаарда көзү илинди. Эми гана жаны жай ала түшкөн келин кобур-собурдан ойгонуп кетсе таң аппак атып, кайнатасы балдарын тургузганы жатыптыр. Ыргып тура калды да, кийине коюп, бети-колун жууп, самоорго чай кайнатты. Керээли кечке тикесинен тик турганга бүткөн бою талыкшып, уйкудан калганы кошумча болуп шалдырап турду. Аларга тамак-чайын берип жөнөттү, Сейдимурат барган жок, ал зорго эле кирип чыкканга жарачу. Мунара кайра тамак жасап, Сайрага барганга камынды. Ал эми жөнөмөк болгондо кайнатасы менен кайниси келип калды, жаңы төрөлгөн баланы чарчы сурпка ороп алып, мүрзөгө кетишти. Мунара Сайрага келип, палатасына кирсе ал ойгоо экен.

- Кандай, алтыным, жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы, - деп Сайра эрээркей ыйлап ийди. Мунара экөө кучакташып бир топ ыйлаган соң:

- Кайгырба, башыңар аман болсо дагы эле балалуу болосуңар, өзүңдү сакта, ден-соолугуңа кара, - деп көз жашын аарчып, бетинен өөп, сооротуп отурду.

- Эмнеге мындай болду, Мунара, жакшынакай эле эмес беле, ошол саатта деле туйлап жаткан.

- Буйругу жок, айла канча, жаным, койчу эми көп капалана бербесең, ооруп каласың.

- Мен үйгө эле кетейинчи, балдарын алып отургандарды көрүп, ого бетер жаман болот экемин.

- Врачтар эмне дейт?

- Бир-эки күн жат дешти.

- Жатып дарыланышың керек, сен жаш төрөдүң, жакшылап дарыланбасаң өнөкөт болуп калат.

- Эми боюма болсо баламды гана тилейм, мейли мен өлсөм да балам калсын, - дегенде Мунара анын оозун баса калды.

- Антпе, Сайра, адамдын оозунда болсо, Алланын кулагына жетет дешет го улуулар, антип айтпай жүр, бала ата-энеси менен болсун.

- Эмнеге мага тун балам буйруган жок, Мунара? - Сайра кайрадан буркурап ийди.

- Менин апам тун бала турнага жем деп койот дечү, эмкилериңдин боосу бекем төрөлсүн, алтыным, өтө өзгөлөнгөн болбойт, ата-энең бар, күйөөң турат, тууган-урук дегендей… - Мунара абысынына көп сөздөрдү айтып жубатып, анан өйдө болду. - Мен эми барайын, көп кейибе, эки-үч күндө үйгө барып каласың, үйдүн шартын билесиң да, күйөөңдүн болсо кабагына кар жаап абдан капалуу.

- Ага эмне, мендей кыйналмак беле, аялдын азап тартканын билсе десең.

- Билип эле сага жан тартып жатат, андан башка эмне кыла алат, аялым кыйналып жатат деп атасына же агасына айтмак беле, кой, жакшы жат, - деп коштошуп чыкты да, үйүнө жөнөдү. Райондон үйүнө эки сааттык жол. Түш оой келсе кайниси чай берип жаткан экен.

- Эми чыгаарда эле баргыла, өзү жакшы бекен? - деди ал.

- Сен эртең менен жолуккан жоксуңбу?

- Жок.

- Эки күндөн кийин чыгарат экен.

- Өзүм эле алып келем анда.

- Макул, - деп Мунара ички бөлмөгө кирип, халатын кийип чыкты.

Турмуш сыры адам баласына бүдөмүк дегендей Сайраны үйгө алып келгенден кийин ал көпкө жатты, ата-энеси, ага-жеңелери, эжелери келип көрүп кетишет. Түйшүк жалгыз Мунарада, ал эки бөлөк тамак жасайт, анткени Сайраны тузу жок ичкенге салышкан. Көп кан кеткенге алсыз болуп оңоло албай жүрдү. Ата-энеси үйдөн карайбыз дегенге Мунара болбой койду. Негизи чоң аялдай токтоо дагы акыл-эстүү келин болгон. Бара-бара баары унутулуп келаткан. Бир күнү Мунара үйгө кирип келе жатып эле мал байланчу бастырманы негедир карай салса, акырдын четинде Гүлжигит отурат, жүрөгү шуу этип, үйгө кире качты. "Кудай ай, бул эмнеси, деги канткенде тынчыйт болду экен, эми кантем?" - деп босогодо туруп калды, аны көргөн Сейдимурат:

- Сага эмне болду? - деди таңгала.

- Эчтеке, балдар кайда жүрөт? - деп Мунара кайра артына кайрылып чыгып кетти. Эшикке чыгып кайра караса, дале отуруптур, чыйрала басып барды. - Сен менден эмнени каалайсың, эмнеге биерде турасың? Керекпи менин жанымды ал, болбосо биерден кет, жого-ол кет дейм? - деп бакыра берди. Анын үнүн угуп Сейдимурат чыга калды, кайнатасы менен кайниси үйдө жок болчу. - Керекпи, мени алып кет, башкага тийбе! - десе да Гүлжигит бир калыптан жазбай отура берди. - Жоголосуңбу жокпу, же мен сага өзүм барайынбы? - деп жөнөгөндө анын эч ким жок эле бастырманы карап сүйлөп жатканын көргөн күйөөсү артынан жетип барды. - Мына, ушул элеби, сен мени алып кеткиң келеби, мынакей анда, - деп Мунара казыктагы жипти чечип, бастырмага байламак болгондо Сейдимурат:

- Мунара! - деп катуу кыйкырып ийди. Мунара селт эте түштү да, кайра акырдын үстүн караса Гүлжигит дагы эле отуруптур, колуна жип кармап алган, Мунара караганда ага сунду.

- Сенден тажадым, деги сенден кутулайынчы! - деп жипти алмак болгондо күйөөсү Мунараны кармап калды.

- Мунара, сага эмне болуп жатат? - Ошол убакта үйдөн акырын басып, Сайра да чыкты. - Сен жинди болдуңбу, кимди карап сүйлөп жатасың, адам түгүл жан да жок, эсиңе келчи, - деп Сейдимурат бир таягын таштап, аялын колтуктан алды. Мунара кайра артына караса эч ким жок экен. Жүрөгү лакылдап, муундары калчылдап калганын көргөн эри үйгө алып кирди.

- Эмне болду, аке? - деп сурап ийди Сайра.

- Билбейм, талааны карап эле сүйлөп жатыптыр, Ажы кайда кетти экен, молдо чакырып дем салдырбасак болбойт.

- Азыр, - деп Сайра кайнагасынын таягын алып берип, өзү абысынын үйгө алып кирди. - Жеңе, сага эмне болду, эсиңе келчи, мени карачы, алтыным, - десе да болбой Мунара сүйлөнө берди, оозунан көбүгү чыкканча сүйлөдү. Кийинки сөздөрүн түшүнүксүз булдуруктап жатты, Сайра аны жаткырып атып, көздөрүн карап коркуп кетти. Мунаранын көздөрү агына айланып калган эле. Сейдимурат үстүн жаап, карап отурганда иниси келди, аны дароо молдого жиберди. Жарым саат өтпөй эле айылдык мечиттин эки молдосу келип калды. Бири Стамбулдан окууну бүтүп келген жаш молдо болчу, ал дем салып көпкө отурду, качан гана Мунара тынч алып уктап калганда кетти. Ата-энесин чакыртышты, Мунара үч күн эч нерсе билбей жатты. Үчүнчү күнү молдо дем салып бүткөндөн кийин:

- Иншалла-инша-ала, бул келинди арбак ээрчип алган экен, өтө-ө кыйын этият кылгыла, - деди.

- Сакайып кетеби? - деди Шахназ ыйлап отуруп.

- Сакайып кетүүгө жол бар, бирок адегенде арбакты тынчтандырыш керек, ал нааразы…

- Кудай ай, деги кандай болот?

- Алладан башка айла жок. Кудайдын кулу, пайгамбардын үмөтүбүз, биз колдон келгенин жасайбыз, - деп кайра дем салып, анан кетти. Төртүнчү күнү Мунара көзүн ачты, эч нерсе болбогондой үстү-башын оңдонуп, сыртка чыгып, ишине киришти. Сайра бир топ жакшы болуп калган, ал ага жумуш жасатпай, ажатканага барса дагы бирге барат. Ошондон көп өтпөй Мунара намазды кадимкидей беш убак окуй турган болду. Кечке даарат алып намаз окуйт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Түндөсү туруп, бир маал намаз окуйт. Бара-бара балдарына карап, кир-когун жууп убараланып жүрө берди. Сайра анын каш-кабагына көз салып, эшикке чыкса кошо чыкканын койбоду. Күндөрдүн биринде Мунара асир намазын окуп отуруп, бакырып чалкасынан кетти. Сейдимурат бир таяк менен басып калган, жетип барса:

- Тиги айылдагы Өскөнбай кетти, балдарына кыйын болду, жаш балдары менен аялы жесир калды. Сары-Жондогу Кадырбайдын буту сынды, Сейитбек башынан оор жаракат алып, шал болот, - деп эле сүйлөп жатат. - Жанындагы аялдардын жазасын Алла берет…

- Мунара, Мунара дейм, сага эмне болду? - Сейдимурат аны силкилдеткенде көзүн ачып:

- Эмне болду мага? - деди да, өйдө болду.

- Эчтеке, намаз окубай эле койсоңчу?

- Сейди, мен намаздан эчтеке болбойм, машинадан авария болуп бирөө өлдү, экөө катуу жаракат алды, жанында аялдар бар экен, ошолор жолдон чыгарып жүргөн тура, - деди аялы жайнамазын бүктөп жатып. - Кыйын болду, таң атпай чуу чыгат.

- Сен кайдан билдиң? - деп сурады Сейдимурат таңгала.

- Көрдүм, эч кимге айтпа.

- Макул, - деп күйөөсү унчукпай калды. "Бул эмнеси, аларды кайдан көрөт, же көзү ачык болуп кеттиби?" - деп ойлонуп отуруп калды. Айткандай эле эртең менен аркы айылдын тең ортосунан чуу чыкты. Үч эркек, үч аял болуп тоого ойноп чыгып, жолдо келе жатып авария болушкан экен, рулда отурганы кайтыш болуптур. Сейдимурат көз көрсөтүп коюу үчүн барып, Мунаранын айтканы туура чыкканына таңгалды. Үч келин дагы жаракат алып ооруканада экен. Өскөнбайдын аялы таптакыр ыйлабай жини келип жатат дешти. Ошондо Сейдимурат бир досуна сыр кылып айтып койду эле, ал ар кимге айтып койсо керек, аз күндөн кийин эле Мунарага анча-мынча оорулуулар, балдары алыста жүргөндөр келе баштады. Кызыгы Мунара аларды жылуу тосуп алып, билгенин айтып берип, бат эле элге анын жакшы билгилиги дайын болду. Сейдимурат айылга келген бир көзү ачыкты чакырып, бир кой союп коноктоп отурганда ал:

- Силер көрүп калганыңар жакшы болгон, болбосо өзү менен алып кетип калмак, - деди. - Ошондо гана ал алсыздыгын сезип биротоло кетүүгө аргасыз болгон, ал сени абдан жакшы көргөн адамдын жаны экен, - деди анан Мунарага карай.

- Билем.

- Эмесе ак жол, сиңдим, далай ооруларды айыктырасың, ал сага өзүнүн бар күчүн, касиетин таштап кетиптир, сени алып кетем деген акыркы үмүтүнөн сенин эрктүүлүгүң сактаган экен… Эгерде сен коркуп андан качканыңда ал сенден калмак эмес, күндүр-түндүр келе берип, акыры өзү менен алып кетмек, - дегенде Сейдимурат ичинен: "Кудай уу-ур, баягында аркан көтөрүп жатканда өлүп калмак экен да", - деп ойлоп, коркуп турду.

- Эже, мен аны менен бетме-бет сүйлөштүм, акыркы ирет дагы мени алып кетмек болду, бирок негедир анын берген арканы үзүлүп кетти.

- Ошол убакта ата-энесиби же башкабы, анын мүрзөсүнө барып, мал союп тайынса керек, арбак күчтүү куран окуганда алыстап кетет.

- Ошондой, ошонун эртеси эле намаздын жазуулары көзүмө көрүнүп, кулагыма угулуп туруп алды, анан окуй баштадым.

- Туура кылгансың, айтып койчу дагы бир нерсе: ал арбак менен сен тараптык бир арбак салгылашкан тура.

- Ооба, ошондой болгон, - деди Мунара жылмая.

- Сен ушунун баарын билесиңби? - деп таңгалды Сейдимурат.

- Алланын ишараты ар кимге бериле бербейт, иним, түштөн аян бериши мүмкүн, бирок адам баласы баарын биле бербейт. Кудай жолуна түшүпсүң, ишиң илгерилеп, он сегиз миң ааламдан өткөн көрөгөч-билгичтердин, аалымдардын, кереметтүү колдоочулардын аты менен суранып кетем, ылайым колуңдан оорулууларга эм болуп, айтканың айткандай келсин, оо-ом-ийин оло-оху аквар! - деп көзү ачык аял бата кылганда баары жапырт бата кылышты. Мунара ага ийиле:

- Айтканыңыз келсин, эже! - деди. Коногун сыйлап узатып коюп, Сайра экөө сүйлөшүп отурду. Бул кезде Сайра кадимкидей болуп калган.

- Жеңе, сен жамандыктарды билген күнү айтпай эле койсоң.

- Эмнеге?

- Болбойт го?

- Мен Алла тааланын ишаратын элге айтпай койо албайм, кудайды алдаган менен бир болот.

- Кечир, бирок көптөн бери бир нерсе сурайын деп жүрдүм эле…

- Сурай бер, экөөбүздө сыр болушу мүмкүн эмес.

- Аның чын, менин баламдын өлүк туулушун билдиң беле?

- Ыя?! - деп алды Мунара, ал какай түштү, жашырганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип, бир аз ойлоно калды да, абысынын карады. - Ооба, билгем.

- Эмнеге айтпадың?

- Кантип айтам?

- Ошондой, көп ойлондум, анан баары бир сени билген болуш керек дегем.

- Билгемин, бирок жакын адамыңдын жамандыгын айтуу өтө кыйын экен, Сайра…

- Ырас айтасың, жеңе, бир кезде курбу элек, эми минтип ысык-суугубузга бирдей күйө турган, жакшылык-жамандыгыбызды бирге көтөрүшкөн жакын адамдардан болдук, иши кылса ылайым аман болчу, жеңе!

- Рахмат, Сайра, биз түбөлүк бир тууган болуп калдык, ачуу-таттуубуз, кубаныч-кайгыбыз бир…

- Туура, - Сайра ордунан турду. - Кимдир бирөөлөр келе жатат окшойт, кабыл ала берейинби?

- Кирсин, бирок ага менден шыпаа жок, үмүт деген кыйын нерсе, бечара… - Сайра аны элейе бир карап коюп, чыгып кетти. Аңгыча эшиктен бир жашар бала көтөргөн келин кирди.

- Эже, эжекебай, баламды аман алып калыңыз, - деп ыйлап алган.

- Көз тийген экен, ушунча кармабай эрте алып келсең болмок, эми кеч, - деди Мунара баланы карабай туруп. - Өтүшүп кеткен тура.

- Эже, карап көрүңүзчү, - деп келин жаш толгон көздөрүн жалдырата ыйлап кирди.

- Караганда не, тезирээк үйүңө жет!

- Эже! - деп келин көзүн ачпай сүйлөп жаткан Мунараны карап эмне кылаарын билбей туруп калды.

- Жолдон жоготуп аласың, кет тезирээк үйүңө! - дегенде чырылдап жаткан баласын көтөрө артына кайрылды. - Сайра!

- Эмне болду, жеңе?

- Сен тиги келинди колундагы баланы алып жеткирип койчу, ал өзүн жоготуп баратат.

- Макул, - деп сыртка чыкса, ал келин теңселип баратыптыр, баланын үнү чыкпай калган, көрсө бала ошол жерден үзүлүп кеткен экен. Бирок ал келинди ээрчип келген күйөөсү сыртта туруптур, колунан ала койду.

- Эмне деди?

- Көргөн жок, - деди мелтиреген келин. Сайра аларды карап туруп, ыйлап үйгө кирди. Өзүнүн баласын жоготкон күнүн эстеди. Анан Мунарага кирди.

- Бул эмнең, жеңе, карап койсоң болбойт беле? - деди көз жашын агыза.

- Эбак жаны учуп кеткен наристеге мен эмне кыла алам?

- Кудай ай! - деп алды Сайра. Үнсүз көпкө отурушту, бир кезде Мунара:

- Сайра, эки жакты жыйна, атам болбой калды, - деп ордунан тура калды.

- Эмне? - Сайра аны жек көрө карады. - Көзү ачык десе эле…

- Арга жок, мындан ары бизде жакшылык болот, эң акыркы жоготуубуз, атам тоого кетти беле?

- Ооба, малды көрүп келем деген.

- Аттан жыгылды, жаанда тайгаланды, - деди да, экөөлөп эки жагын жыйып жатканда атчандар келип калышты. Ошентип Токтоматты да өз жайына коюшту, ыйлап-сыктап акыркы ызаат-сыйын жасап, акыркы сапарга узаткандан кийин бул үйдө бир топко аза күтүү болуп жатты. Анын ашын бергенден кийин Токтомуратты үйлөнтүштү.

Шакирдин шашылып Бишкекке учуп келди, аны Анатолий тосуп алды, анткени Шайлоого эртеси операция жасалмак экен. Врачтар менен сүйлөшүп көрсө, аны аман калууга эч кандай мүмкүндүк жок дешти. Жашында догдурга бир көрүнүп, алар апасына айткан экен, бирок аны балалык кылып Шайлоо билген эмес. Кээде гана жүрөгү кысылып, кайра жанып кеткенде врачтарга кайрылган эмес, өзүнүн бала төрөй албасын кийин боюнда барын билгенде гана угуп, баланы алдырганга макул болбой койгон. Шакирдин өтө кайгырып, Шайлоо менен сүйлөшүп отурду, ичи чоң эле, акырын палатадан колтуктап алып чыгып, отургучка отургузду.

- Бекер убара болупсуз, - деди Шайлоо жүзүнөн нур качкан боппоз өңүнө саал жылмаю кирип.

- Неге, эгерде мен мурда билгенде дароо келмекмин.

- Убарачылыктын кереги не, мен сиздин сөзүңүздү аткардым, эптеп жакшы болуп кетээрмин, өмүрдөн үмүт үзүү, өлүмдү эстөө абдан оор экен. Мен мынчалык коркунучтун жакындап келе жаткан сайын сүрдүү болоорун сезбепмин…

- Эч кам санаба, сакайып кетесиң, уул бекен же кызбы? - Шакирдин келиндин курсагына колун койо бактылуу болуп турду.

- Уул дейт.

- Рахмат, алтыным, мен сен үчүн эч нерсемди аябайм, толгон байлыгым болбосо да колумдан келгенин жумшайм, кам санаба, коркпо.

- Корккондо эмне, баары бир болоор иш болду, эртең бул маалда балким апамдын жанында болоормун… - Келиндин кирпиктери суулана түштү.

- Андай дебе, сен жакшы болуп кетесиң, Шайлоо, - деп Шакирдин келинди чекесинен өптү.

- Баары бекер. - Оор улутунуп алды келин. - Сизге жолугуп калганыма шүгүр, болбосо артымда ким калат эле…

- Шайлоо, антпечи, жаным, кайгыра берсең күчүңдү жоготосуң.

- Күч калбай калганы качан, мен Махабатты көрбөй калдым, жок дегенде бир жолу бетине түкүрөт элем, билесизби ал мага эмнеге өчөшкөнүн? - Шайлоо жаак эттерин тырыштыра жылмайып айтты. - Мени ала качып кеткен жигит менен Махабат сүйлөшүп жүрчү экен, мен аларды билбейм. Курбум мага эч нерсе айтпай жүргөндө ал мени ала качып кетет, мага ал жакпай көп турбай баса бергемин. Махабат мага ошондон улам өчөшүп калыптыр. Бирок мен аларга тоскоолдук жасаган эмесмин, сүйлөшүп жүргөнүн билген эмесмин, - деди көзүнүн жашын куюлта. - Эгерде билген болсом Махабатка кийин жолукканда өзүм айтмакмын, - деп көпкө үнсүз отура берди.

- Алсызсың, чарчап каласың, жүрү ичке кирели.

- Жарыкчылык, таза аба, кандай таттуу ээ?

- Жүрү, эс алчы.

- Бир аз отура турайынчы, эртең кандай болоорун билбейм, эсимдин барында айтып койойун, баланы жакшылап кара. Өмүргө келгени жөн кетпедим, сенин көңүлүңдү алдым, артыма бала калтырдым, - деп Шайлоо муңкана сүйлөй албай мууна түштү. - Аз да болсо апам экен деп эстей турганым калды…

- Койсоңчу, Шайлоо, өтө жашык экенсиң, буйруса баары жакшы болот, бала дагы, өзүң дагы, чогуу Россияга кетебиз, - деп Шакирдин келинди жооткотуп жатканы менен өзүн зорго кармады.

- Аа-а баса, сизге берейин деп даярдаган буюмум бар эле, ошону палатадан алып берейин, мен сизди убаралантып койдум, эми кирели, - деп Шайлоо өйдө болду. Шакирдин аны колтуктап палатага алып кирди. Керебетке келип отурганда келин баш жагынан блокнот алып чыкты. - Бул кийин балама айта турган сөздөрүм…

- Шайлоо, жаманды ойлобочу, врачтар баары жакшы болот деп жатат, сен өзүңдү эртеңки жакшы күнгө даярда, үмүт менен күт, кудайдан тиле, - деп жанына отуруп, колунан кармап өөп койду. - Эми эс ал, мен кеттим.

- Макул, мен эс алайын чарчадым, - деп жатмак болгондо Шакирдин келиндин бутун көтөрүп төшөккө жаткырды. Анан үстүн жаап, бетинен өөп, палатадан чыгып кетти. Жолдо келе жатып бакка кайрылды, бош орундукка отуруп бошоп кетти: "Аттиң, кандай аянычтуу, гүлдөй жайнаган жаш келин соолуган гүлдөй болуп, жүзүндө тамчы каны жок боппоз". Колундагы блокнотту кармалап койду, "Байкуш, эмне деп жазды экен?" - деп ойлоп, Анатолийдин үйүнө келди. Ал аялы экөө Шакирдинди жакшы тосуп алышты. Балыктан жасалган шорподон ичишкенден кийин жатып калышты. Эртең менен Шакирдин эрте турду, бети-колун жууп эле ооруканага жөнөдү. Келсе Шайлоону операцияга даярдап коюшкан экен. Врачка кирди.

- Саламатсызбы?

- Кел отур.

- Ажыбекова Шайлоонун абалын билейин дедим эле…

- Да-а, өтө өкүнүчтүү, төрөбөсө да бир топ жыл жашамак, ал өзү каалады муну, жок дегенде балам калсын деп болбой койду, - деген врач алакан жая кашын керип койду. - Аракет кылабыз…

- Эч кандай үмүт жокпу?

- Айта албайбыз.

- Бу кандай жоопкерчилигиңер жок, үмүт жокпу же барбы кандай билбейсиңер, болбосо жасабагыла, балким өзү төрөп алаар, - деп Шакирдин кызуулана кетти.

- Жасабаса жасабай койобуз, анда бирөө эмес экөөнү тең жоготуп алабыз, биз тек баланы аман алып калууга тырышып жатабыз.

- Жакшынакай эле жанды баласын алабыз деп өлтүрүп койосуңарбы?

- Жигит, ачууланбай жакшылап кулак тос, жүрөгү начар, толгоону көтөрө албайт, негизи мындайда толгоо келбей бала ичтен тумчугуп калышы мүмкүн.

- Ошондо да силер канчалык үмүт барын билесиңер да.

- Беш пайыз гана үмүт бар, бул дегеле болбойт дегенди билдирет.

- Демек операциядан чыкпайт деңизчи?

- Чыкса да эки-үч күн жашайт.

Шакирдин шарт туруп, коридорго чыкты, зээни кейип Шайлоо жаткан бөлмөгө келди, бир аз отуруп кайра операционныйга бет алды. Айнек эшиктен көпкө карап турду, анан сыртка шашыла чыгып кетти. Ары-бери басып тынчы кетип турганда Анатолий келип калды:

- Эмне болду?

- Операцияга кирди.

- Кудай жардам берсин.

- Рахмат.

- Минтип турбай бирдеме ичип алсаңчы.

- Жок, жыйынтыгын күтөйүн.

- Жарайт, мен жаныңда болом, - деди Анатолий, экөө төрөткананын операция бөлүмү жакка басышты. Арадан бир сааттай өткөндө врачтар чыгып калды эле Шакирдин шашыла сурады:

- Акыбалдары кандай?

- Уул төрөлдү, энесинин абалы оор, азырынча үмүт аз.

- Кирип көрсөм болобу?

- Жок, наркозу тарасын.

- Уулумдучу?

- Анан көрөсүз, чыдай туруңуз, - деп ак халатчандар ары басып кетти.

- Уулдуу болушуң менен куттуктайм! - деп Анатолий досуна кучак жая кол сунду.

- Рахмат, сен болбосоң бул жер мага өз мекеним эмес башка эл, бөтөн жерде жүргөндөй жалгызсырамак экенмин.

- Эчтеке эмес, дос, биз бир гана өлкө үчүн кызмат кылганбыз. - Экөө ошентип турганда Шайлоону операционныйдан сүйрөп палатага киргизип кетишти. Шакирдиндер алардын артынан жүгүрүп кирип барышты. Шайлоо дем алганы белгисиз купкуу болуп жатат… Ошол күнү кечке маал ал үзүлүп кете берди. Анын жакын туугандары жогунан улам Шакирдин жашаган үйүнө келип, коңшуларынан сураштырып, тагасынын дарегин таап, киши жөнөттү. Коюлгуча ошерде болду. Төрт күн өткөндө Шакирдин төрөтканадан баланы алып чыкты. Анатолий менен аялы ага узак жолго баланы алып жүрө албайсың дешип, наристени алып калышты. Шакирдин наристеге Белек деп ысым берди да, Россияга жөнөп кетти. Изат үйдө экен, көрүп кубанып кетти:

- Келдиңби?

- Келдим.

- Кандай, төрөдүбү?

- Төрөдү.

- Уулбу, кызбы?

- Уул.

- Өзү кандай?

- Өзү жок.

- Жаман болуптур, баланы эмне кылдың?

- Төрт-беш ай болгуча бакканга алып калды досум.

- Ии-ий, - деп койду Изат. Ошону менен күнүмдүк жашоо-жумуш болуп, күндөр өтө берди. Шакирдин Анатолий менен күн алыс сүйлөшүп, баласын сурап турат. Ошол күнү ага айылдан иниси телефон чалды. Келип кетпейсизби деп чакырганына бара албасын айтып, акча салды. Тогуз ай өтүп, Изат дагы эркек төрөдү. Эми анын чечими гана калган. Он күндөн кийин Шакирдин Изатка жүрөк өйүгөн суроосун берди.

- Изат, эми сенин чечимиңди гана күтөм, айткан акча мына, бул сенин жолуңа, бул кийимиң, - деди башын жерге сала.

- Бир аз эмизейин, балага дагы жакшы го.

- Жарайт, качан кетем десең дагы кармай албайм.

- Түшүнөм, сага да, мага да оор…

- Канткен менен каршылык кылууга аргам да, акым да жок, сага карыздармын, суранычымды аткардың, менин өмүрүмдү узарттың.

- Аны эчен ирет айтпадыңбы, сен да мага капа болбо, баары бир күтүшүм керек, - деди Изат баласын эмизип отуруп көз жашын төгө.

- Туура биздин жолдор эки ача, балким кездешээр күн болоор.

- Кездешпегенибиз оң, бири-бирибиз үчүн жокпуз, Нариманга апаң өлүп калган деп кой.

- Ошентип айтуу колумдан келээр бекен?

- Айтышың керек.

- Аракет кылам, - деп Шакирдин ордунан турду, ортолору салкын тартып, бат эле алыстап баратты. Балким экөөнө тең ушул туура болоор, түбөлүк бирге болбогондон кийин бөлүнүүгө өздөрүн даярдай баштаган, болбосо бири-бирине көнүп калбады беле. Айтканга оңой болгону менен бир жыл деген узак убакыт эмеспи. Нариманга бир ай болгондо Изат бир күнү таң эрте турду да, кийимдерин салыштырды, кийинип, уулун көпкө карап ыйлап турду, анан үйдөн чыгып кетти. Шакирдин оор улутунуп кала берди, эң кызыгы айткан акчаны гана алып калган акчага тийбегени болду. Ошентип Шакирдин жумушуна чалып, отпуска алууга аргасыз болуп, үйдөн баланы карап жатты. Баласын күнү-түнү карап уйкудан калып, бир ай бакты. Бир айдан кийин бала бакчу кыз издеп, коңшусунун он беш жашар кызын жалдады. Убакыт деген озгон аттай ооздук бербей ашыгып өтө берди. Ини-карындаштарынан да кабар ала албай убакыт өтүп Нариман менен Белек онго чыкканда айылга барды. Эки бала эгиздей окшош. Бойлору да бирдей, болгону бири эски жыл, бири жаңы жыл. Бул бир токсон бешинчи, токсон алтынчы жылдар эле… Айылына келсе, эки иниси үйлөнүп, карындашы турмушка чыгып калган, бир гана иниси үйлөнө элек экен. Чынында келбегени менен колунда барын жөнөтүп тургандыктан аны жакшы тосуп алышты. Келгенине он күндөй болуп калганда классташы Анаркул чакырып калды, эки уулун ээрчитип барды Шакирдин. Ошол кезде ал жаман абалда калам деп ойлобогон, дасторконго жайланышкан кезде чай көтөрүп сырттан Изат кирип келсе болобу? Экөө тең кызыктай акыбалда калды. Изаттын колундагы чайнек аз жерден түшүп кете жаздады. Алардын ыңгайсыз абалын байкабаган Анаркул:

- Изат, таанышып кой, бул менин классташым - Шакир, - деп калды, ал бир аз кызуу эле.

- Жакшы, - деген Изаттын эки көзү окшош балдарда, бири өзүнүн баласы экенине көзү жетти. Анткени Белек апасын тартып ак жуумал, Нариман кара тору болчу. Экөөнүн бирдей окшошуна таң калып, ойлору чачкындап, улам жасай турган ишин унутуп калдастай берди. Анысын Анаркул кайдан билмек, бакылдап классташын коноктоп, арак куюп отурду.

- Шакир, аяш келген жокпу? - деди бир убакта.

- Жок, ал калды.

- Ала келсең болмок, мен болсо аялымдан ажырашкам, эми Изат экөөбүз буйруса түбөлүк жашайбыз го? - деп артын ишеничсиз айткан Анаркул Изатка карады. - Туурабы, Изат, биз сүйлөшүп үйлөндүк, эки баланы болсо атамдар багып жатат. Тамагыңды даярда, классташым Россиядан келиптир дегенди укканда абдан кубандым.

- Рахмат, мен дагы силерден алыс болуп калдым, балдар кандай жүрүшөт?

- Оо, баары жүрүшөт, буйруса бир жолугабыз, эми кетпейсиңби?

- Отпускам жакында бүтөт, мен Россиянын жарандыгын алып иштеп жаткам, кетпесем болбойт.

- Анда классташтарды чогултуш керек экен, - деп Анаркул бапылдап жатты. Шакирдинге арак куйду эле ал ичпеди, Анаркул ага таарынган болуп тим болду. Тамак ичип бүткөндөн кийин кетели деп сыртка чыгышканда Изат Нариманды кучактап өөп, ыйлап турганын көрүп, Шакирдин тим койду. Үйдөн узагандан кийин:

- Ата, жанагы аял эмнеге мени кучактап ыйлады? - деп сурады Нариман.

- Ким билет, уулум, сендей баласы бардыр… - деп коюп, үйгө келишти. Инилери менен сүйлөшүп, карындашын чакырып, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан салтынын баарын жасап, ата-энесине куран окутту. Андан кийин эң кичүү инисин үйлөнтүп коюп, кайрадан Москвага кетүүгө камынды. Инилери аны Ошко узатып, автобеткетте турганда такси менен шашып-бушуп Изат жетип келди. Тааныш караандарды издеп, эки жагын карап келе жатып, Шакирдинди көргөндө тык токтоду. Ал дагы Изатты карап турган. Изат өзүн кармана басып келди да:

- Кетип жатасыңарбы? - деди үнү дирилдей. - Нариман, келе гой, садага, - деп өзүн алайып карап турган эки баланы карады. - Келчи, Нариман! - Көздөрүнөн жаш куюлуп, эки колун алга карай сунуп келе жатты.

- Нариман, бара гой, балам, - деди Шакирдин уулуна башын ийкей.

- Ата, эмнеге барам?

- Барып коштошуп кой…

- Жок, барбайм!

- Нариман, келчи, садагам! - деп Изат ары-бери өткөн элди этибар албай чөк түшө көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп турду. - Шакир, кечир мени, менин акым жок экенин билем, бирок менин чыдамым жетпей баратат, эгерде жүр десең бирге кетейин, баламдан бөлө көрбө!

- Ата, эмнеге ыйлап жатат? - Нариман таңдана атасына жармашты, болуп жаткан окуяга таңгалып түшүнбөй инилери да карап тура берди.

- Нариман, бул сенин апаң, уулум, - дегенде эч нерседен кабарсыз Белек Шакирге карады:

- Ата, менин дагы апамбы?

- Ооба, мен силердин апаңар болом! - деп жиберди Изат. Муну күтпөгөн Шакирдин баш ийкеди, үн-сөзсүз эмне болоорун күтүп гана селдейип турду. - Келе койгула, балдарым, мен силердин апаңармын! - деп Изат жакындаганда Нариман бирөө үйрөткөндөй:

- Эмнеге бизди таштап күйөөгө тийип кеттиң, сенин башка күйөөң бар го?! - дегенде Изат үн дей албай туруп калды. - Ата, кете береличи, аны мен апа дебейм, ал бизди таштап кетип, анан эми балам дебей эле койсун! - деп Нариман атасын жеңден тартты.

- Нариман, биздин апабызды алып кетеличи, баары бир ал кайра келбедиби? - деп Белек инисине карады. - Кел, апамды кечирели.

- Жок, мен кечирбейм!

- Уулум, - деди Шакирдин, - апаңды кечирим суратпагын, ал силерди төрөгөндүгү үчүн, эмчек сүтү үчүн карыздарсыңар, кана, баргыла апаңарга! - дегенде экөө саамга буйдала атасын кылчак-кылчак карап турушту. Анан:

- Апа-а! - деп жарыша жүгүрүп жетип, Изатты бек кучактап калышты. Ошол убакта автобус дүрүлдөп от алып, жүргүнчүлөр шашылыш орун ала баштады. Шакирдин эки уулун алып, инилери менен коштошуп, отураары менен "икарус" ордунан жылды. Изат аларга кол булгалап, автобусту узата карап кала берди.

- Ата, апам качан барат? - деди Белек кылчактай.

- Ал кийин барат, али белет алынган жок да, уулум.

- Аа-а, - деген бойлору да бирдей, эгиз козудай окшош тестиер эки улан карааны улам кичирейип, алыстап бараткан аялга жооп кыла колдорун булгалап жатышты. Ошондон беш күн өтпөй Изат эки уулунун артынан, Шакирдин менен түбөлүк түтүн булатууга жол тартты…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз