Айгүл ШАРШЕН


"Жаралуу жүрөк…"


Миразим жетиге толуп-толо электе атасынан ажырады, апасы Кадырбүнүн кара кийинип, боз үй ичинде ыйлап отурганын билет. Акыркы күнү Миразимди боз үйгө аялдар алып кирип, көшөгө ичинде уктап жаткан атасын көрсөтүп, кайра алып чыгып кетишкен. Анан эле топтолгон эл жок болуп, апасы менен апасынын бир сиңдиси Ашырбү үчөө калды. Көрсө, Кадырбүнүн жүрөгү ооручу тура, атасынын жылдыгын өткөргөндөн көп өтпөй ал дагы дүйнө салды. Анда бир аз эсейип калган, боз үйгө чыңырып кирип барып, апасын издеп, бир топ аялды ыйлатып, убара кылган. Атасы Медеттин жакын туугандары бар эле, бирок бири-бирине карамы жок боло турган, кез келген жерде уруша кетишчү, өзүнүн бир тууганы жок. Ашырбү Миразимди багып калды, ал бир күйөөдөн чыгып келип, бараар жери жогунан эжесин жөлөк кылып жашап жүргөн. Эми кичинекей Миразимди караан кылып жашап калды, жашы отуздарда. Медеттин бир аз мал-кели бар, үй-жайы жакшы, эжесинин карманганын кармап, өмүр өткөрүп жүргөндө бир эркек пайда болду. Ал Ашырбү менен мамилелеш болуп, биротоло кетпей да калды, Миразим аны жаман көрөт. Демейде башын жууп, чачын өрүп берип, эркелете мектепке жөнөтүп, кайра жолдон күтүп алчу таежеси эми кызга көңүл бурбай да калды. Качан болсо ошол кишиге тамак жасап, кирин жууп, көзүнүн агы менен тең айланат. Ал тургай бир жолу ал:

- Эт жегим келди, бир кой сойолу, шорпо-шилеңге, - деди эле Ашырбү ага саал моюн толгоду:

- Менин биерде эчтекем жок, баары Миразимдин ата-энесинен калган, быйыл кийим-кечеге сатыш керек, бир аз төлдөп көбөйсүн.

- Миразимдики деп, сен эмне кароолчусуңбу, ташта анда ал кызды, биз өзүбүзчө оокат кылабыз.

- Койчу, Мамбет, тырмактай кызды кайда таштайм, биртике чоңойсун, анан ойлонуп көрөөрмүн, - деп Ашырбү жалдырап ийди.

- Анда эмне бир койду аяйсың, андан өлүп кетмек беле?

- Болгону беш кой болсо, анан улам сойо берсек эмнеси калат?

- Анда мен кетем, ошол кызды багып жата бер! - деп эшикти карс эттире жаап, чыгып кеткенде Ашырбү артынан жүгүрүп чыгып, жалдырап ыйлап атып, кайра алып кирген.

- Мен бир тууганымдын арбагы үчүн отурам, Мамбет, боюмда бар, элге уят кылба, эри жок төрөдү деп кеп кылышат, сойсоң сой бир козуну, мага нике кыйдыр.

- Нике, мен аялым менен ажырашпай туруп, кантип нике кыйдырам, боюңдагыны алдырып сал! - деп Мамбет ороңдоду, Ашырбү ыйлап жатты.

- Анда эмнеге келип жүрөсүң, айылдын баары көрүп-билип отурат, мен никесиз төрөймбү, Мамбет?

- Төрө-төрөбө ал сенин ишиң, менин катыным, бала-чакам бар!

- Анда азыр чыгып кет, мен сенин башым бош деген калпыңа ишенип жүргөм, бар балдарыңа! - Ашырбү кыйкырып-өкүрүп аны түртүп, чыгарып салды. Буларды угуп, ички бөлмөдө бекинип отурган он бир жашар Миразим аябай сүйүнүп чыга калды:

- Таеже, чын эле кеттиби?

- Барчы ары, баары сенин кесепетиңен! - деп түртүп ийгенде кыз томсоро туруп калды. Ошондон тартып Ашырбү Миразимди жаман көрүп, жылуу сөз айтканын койду. Чай берсе да кагып-силкип берет. Кыз тырмалаңдап өз кийимин өзү жууйт. Бир күнү күүгүмдө Мамбет мас болуп келди, баягыда кууп чыккан Ашырбү аны жагалдана тосуп алып, үстүндөгү кийимин, өтүгүнөн бери чечип, төргө өткөрдү.


- Тамак ичесиңби?

- Эт мененби?

- Ооба, эт менен.

- Алып кел анда, - деп балчая отуруп алып, шорулдата ичип жатканын кыз угуп турду. - Тиги жетимиң кайда?

- Үйдө.

- Жоголгон жокпу?

- Кайда бармак эле?

- Көргүм жок ошонуңду, жаштайында ата-энесин жуткан неме кара пешене да, - деп коюп, шорподон шорулдата ууртап, нанды балч-балч чайнап жатты. Миразим кара пешене деген сөздүн маанисин түшүнө албады, болгону бактысыз экенин жаш да болсо, түшүнө баштаган эле.

- Анда эмне күнөө? - Ашырбү күнөөлүүдөй күңкүлдөдү.

- Ашырбү, ошол кызды балдар үйүнө берип салбайлыбы ыя?

- Кантип, анда мени биерге жашатпайт, кайда барам?

- Эптеп жашайбыз, мен биротоло аялымдан кеттим, биротоло сени менен болом, келчи, алтыным, - деп шалпылдата өпкөндөй болду. Жаш кыз тирмийип уйкусу качып жата берчү, ата-энесин элес-булас эстеп, жакшы көз алдына келтире албай да баратты.

- Кой, Миразим менин бир тууганымдын кызы да…

- Мени укчу, Ашырбү.

- Эмне кылышым керек?

- Жетимдер үйү десе эле корко бербе. Аерде сенден дагы жакшы карашат, үч маал тамак берет, убагы менен уктатат, - деп Мамбет жанталаша түшүндүргөнгө аракет кылып жатты.

- Жо-ок, Мамбет, кара чечекей эжемдин жалгыз кызын аякка бере албайм, эл наалат айтпайбы, - деп Ашырбү бир топко каршылык кылды. Ага болбой Мамбет кайра-кайра айта бергенинен дагы уруш чыгып, ал дагы кетип калды. Бул жолу Миразим таежесинин жанына барбады, унчукпай чүмкөнүп жата берди. Ашырбү Мамбет кеткенден кийин аябай ыйлады, балким ал өз тагдырына таарынып ыйлагандыр. Бала неме аны кайдан түшүнсүн, "Эмнеге ыйлайт, ал жок биз жакшы эле жашайбыз го, эмне эле ага ыйлай берет?" - деп ойлоно берди. Балалык байоо акылы менен андай татаал суроолорго кайдан жооп тапсын, болгону өзүн жек көргөн бул адамды экинчи көрбөсөм экен деп тиледи. Бирок андай күндөр көп болду. Мамбеттин келиши таежеси үчүн кубаныч болсо, эки саат отурбай жээнин кетир дегени үчүн уруш башталып кетип калат да, эки күн өтпөй кайра келе берет. Ошентип Ашырбү уул төрөп алды. Кубанычы койнуна батпай уулунун атын Камчыбек деп коюп, оюнда Мамбетти күтүп жүрдү. Ал кечиккен сайын Миразимге жини келип, кагып-силкип урушуп жиберет. Бүгүн дагы мектептен келсе, кабагына кар жаап калыптыр. Миразим үчүнчү класста окуп калган.

- Сабактан чыгаарың менен эрте келбейсиңби, ушу убакка чейин эмне кылып жүрөсүң ыя? - деп алдынан чыгып кыйкырды.

- Сабак бүтөөрү менен эле келдим.

- Ыкы, ойноп жүрдүң да, тим эле эркелээриң барсынып, - деп таежеси ичкери кирип баратты.

- Таеже, мен ойногон жокмун, сабак эми бүттү.

- Бол эрте, жалаяктарды жуу, ушу сенин азабың өттү.

- Азыр, - деген Миразим ичкери кирип, кийимин алмаштыргыча болбой аркы бөлмөдөн Ашырбүнүн заар үнү чыкты:

- Өлүп калдыңбы, бол эрте!

- Баратам.

- Үнүң ө-өч! - деп булкулдап кирип келди. - Кийим алмаштырганың эле беш саат болду го, бол эрте, күн бата электе кургап калсын.

- Азыр деп жатпайынбы, таеже.

- Тилиң үзүлгүр десе, карандай сени калкалайм деп, өз бактымды байладым, сен болбосоң алда качан эрлүү катын болмокмун. Сени кара жолтой деп ырас айткан тура, багымды байладың.

- Кантип эле, Мамбетти мен кубаладымбы?

- Жап жаагыңды, бешигин терметкенсип атынан айтпай, ал менин баламдын атасы! - деп жаакка бир чапты.

- Эмнеге урасың, апам менен атам өлбөгөндө минтип кор болмок эмесмин, - деп Миразим да тилин тартпай ыйлап сыртка чыгып баратып, босогого токтой кыйкырды. - Мен бул үйдөн кетип калам, бара бер Мамбетиңе!

- Эй кыз, ким менен айтышып жатасың ыя?

- Айтышкан жокмун, өзүң сүйлөтүп жатасың, мени урганга акың жок, апам болгондо чапмак эмессиң. Мамбетиңдин аялы болсо деле аны эмнеге киргизесиң?

- Аны өз жайына кой, бол жалаяктарды жуу!

- Жууйм азыр, - деп ыйлап-сыктап атып, жалаяктарды жууп жайып коюп, эми сабак даярдаганы отурганда Ашырбү кайра кыйкырды:

- Эмнеге отуруп калдың, эшиктин алдын шыпырып, суу жылытчы, экөөлөп кир жууйлу.

- Мен сабагымды даярдап алайын.

- Качып кетпейт, кечинде окуйсуң.

- Сабагым көп.

- Бол деп жатам! - деп кыйкырып жатканда бөлмөгө Мамбеттин киргени угулду:

- Ийи, жетимчең көргүлүктү көрсөтүп жаткан экен го сага?

- Кел, Мамбет, балаңды көрүүгө бир келээр деп ойлодум эле…

- Бала көрө элек болсом бир жөн, көп баланын бири да мен үчүн, сен үчүн билбейм, - деп колдурай отура кетти, кызуудай түрү бар.

- Андай болсо эмнеге келдиң, бар жолуңа түш, экинчи келчү болбо! - деп Ашырбү ыйлап жиберди.

- Кой-кой, тамашалап койдум, кана, көрсөтчү баламды, сени кантээр экен десе, - деп Мамбет карсылдап күлдү.

- Кереги жок, өз балдарыңа бара бер, мындан ары балам деп ооз да ачпайм, көзүм көрбөсүн сени!

- Болду эми, обу жоктоно бербе, мына баламдын көрүндүгүнө сага бир буюм алып келдим.

- Буюмуңдун кереги жок, бала мага гана керек.

- Кечир мени, Ашырбү, мен жаңылдым, көрсөт баламды. - Мамбет таежесин шалп эттире өпкөндөй болду.

"Шүмшүк", - деп Миразимдин кыжыры кайнап турду.

- Барчы, кет үйүңө, экинчи келбе! - деп Ашырбүнүн айтканын эшиткенде Миразим кубанып кетти. "Ылайым эле келтирбей койсо экен, ал жок болсо таежем мага мурдагыдай мамиле кылат эле", - деп ойлонуп отуруп, сабак даярдаган үстөлгө уктап калыптыр. Бир кезде Ашырбү кирип:

- Ой кыз, уктап калганың эмнең, эшиктин алдын ким шыпырат, дымы чыкпай калганынан сыртта жүргөн экен десе, тур, чык эшикке, - дегенде ойгонуп:

- Мамбет кеттиби? - деп сурады көзүн ушалай.

- Аны эмне кыласың?

- Ошол жок болсо жакшы болот эле, сен мени ошол үчүн урушуп жатпайсыңбы, - деди Миразим тартынбастан.

- Эмне дейт? - Ашырбү кызды ойлуу карап калды.

- Жалганбы, мени жетимдер үйүнө ташта дебедиби?

- Сен баарын угуп, уктабай тыңшап жаттың беле?

- Тыңшаганым жок, уйкум келбей жаткан.

- Мира, сен антпе, кызым, эжемдин жалгыз кызы деп сени өзүм карап жатам го, сен менин өз боорумсуң, - деди Ашырбү жумшара.

- Анан эмнеге ошонун тилин алып, сен мени урушуп-тилдей бересиң?

- Сени жумуш жасаганга үйрөнсүн дегеним, апасы жок кызды таежеси эчтеке үйрөтпөй чоңойтуптур дешет да эл.

- Эмнеге, мен өзүм деле жакшы иш кылам, сабагымды дагы жакшы окушум керек, урушпай эле айтсаң өзүм кылам.

- Макул-макул, садага. - Ашырбү өзүнүн ашыкча кетип калганын түшүнүп, унчуга албай калды. "Ырас эле мен кара чечекей эжемдин жалгыз кызын кор кылып ийе жаздаган турбайынбы. Мамбет үчүн дегени да чын, эми ал акмакты эч качан киргизбейм", - деп үйдөгү бир айлык уулун эстегенде ичи ачышып кетти. "Атасыз болбосун деп аракет кылдым, айла канча колумдан келбеди, кайдан дагы илээшип алдым эле", - деп ойлонуп отуруп, наристенин ыйлаган үнүн укканда үйгө кирди. - Ий садагам десе, кардың ачтыбы, көлөкөм, - деп отура калып, уулун эмизип жатып, - Камчым менин, эркетайым десе, - деп жалына кетти. Көзүнө жаш айлана жапжаш курагы жалгыздыкта өтүп жатканына ызалуу: "Неге жапжаш курагымда жалгыз жаздыкты кучактап, узун түндү уйкусуз өткөрүп, өмүрүм өтүп баратат? Кантип бир эркектин арзуусуна татыбадым, ушинтип жаштыгым, денемдин ысыгы эркек жытына, кумарлуу кучагына зар болуп өтөмбү? Кантип бир адамга жакпадым, бирөөнүн күйөөсү болбойт экен, ушунуңа да шүгүр, жараткан, бир уулумдун келечеги үчүн кам көрүп, жашаганга акылуумун, эми балам үчүн жашайм", деген ойдо телмирип отура берди. Миразимге унчукпай калды эле ал өзү билип, алы жеткен жумушту жасап, колунан келгенин кылды да:

- Таеже, мен сабак даярдай берейинби? - деп сурады.

- Окуй бер.

- Камчы ыйласа мен көтөрөм, сен кир жууйсуңбу?

- Ооба, курсагын тойгузуп койойун.

- Ма-акул, мен сабак даярдайын, керек болсом айтасың, - деп коюп, кубанычтуу ички бөлмөгө кирип кетти. Балалык сезиминде Мамбет келбесе эле таежем экөөбүз бактылуу жашайбыз деп ойлоп, көңүлү жайлана түшкөн. Бул кубанычы жыл айланган жок. Камчы алты айлык болуп, талпынып калганда бир түнү Мамбет кийим-кечесин көтөрүнүп, кирип келди. Аны көргөн Ашырбү:

- Келип-кетип мени эрмек кылбай өз жолуң менен болчу, эми мага келбе, баланы сага эмес өзүм үчүн төрөгөм. Эми элдин бетин кантип карайм, бейнике төрөп алып, баламды өмүр бою нокотек атка кондурганым да жетет, - деди мостойо.

- Кантип эле, мен аял, бала-чакамдан биротоло чыгып келсем сен кубалайсыңбы? - деди Мамбет селдейе.

- Кайра бар, өз үй, өлөң төшөгүң.

- Эми киргизбейт алар.

- Эмне болду ошончолук?

- Сени угуп калышыптыр…

- Менде эмне күнөө, аялым жок, бойдокмун, деп келген күнөө сендеби же мендеби?

- Туура, баардык күнөө менде дечи, кечирчи, Ашырбү, менин эми сенден бөлөк карманаарым жок, балам экөөңөрдү иштеп, өзүм багам, - деп салбырап башын жерге салып турду.

- Мен сенин карандай калпыңа ишенбейм, өзүң айтчы кантип ишенем ыя? Жадагалса уулум төрөлгөндө кубанычымды суу сепкендей кылбадың беле, ошонун баары көз алдымда, өз башымдан өттү. Канча күндү, канча түндү көз жаш менен өткөрдүм, ушунун баарын түш көргөнчө көрбөй сени кантип кабыл алам, айтчы, Мамбет?

- Ашырбү, бул менин акыркы убадам болсун, балам экөөңдү көзүмдүн карегиндей карап багам, жаныңда болом ар дайым.

- Андай болсо адегенде коңшу-колуңду чакырып, нике кыйдыр, мен ошондо гана ишенем сага, - деди көгөргөн Ашырбү.

- Азыр менде жарым тыйын жок, кантип нике кыйдырам?

- Кандай кылсаң ошондой кыл, болбосо никесиз төрөлгөн балам экөөбүздү жайыбызга кой!

- Кантет эми, мен сага ишенип келсе…

- Мен баягы макоо Ашырбү эмесмин, эркектердин кандай сыры бар экенин билбеген мокок кезим өткөн, ишеничим өчкөн, азыр бир гана өзүмө, анан кудайга ишенем. Кой, Мамбет, кайт артыңа, үй-бүлөңө бар, өзүңдүн эриң болбосо, бирөөнүн эри аманат деген туура экен, жаман-жакшы айтышпайлы, - деди Ашырбү оор улутунуп.

- Ушу сен башка бирөөнү таап алгансың го, так секирип эле калыпсың, - деп Мамбет шылтоо издеп, заматта өзгөрүлүп кычылана кетти.

- Кандай ойлосоң ошондой ойло, бирок эркектин баары сендей болсо жападан жалгыз өткөнүм жакшы! - Көпкө акыйлашып, акыры экөө эки жерде үңкүйүп унчукпай отуруп калышты. Мамбет канча сөз айтса дагы ынабай Ашырбү көктүгүнө салып, моюн толгоп туруп алды. Аялдын алсыздыгын, жылуу сөзгө бат эрип, эркектин кучагына киргенде кайгы-касиреттин баарын унутаарын бөркүндөй билген Мамбет шыпылдай наристени жаткан жеринен ала коюп өпкүлөдү. Талпынып калган баланы өзүнө же Ашырбүгө окшотоорун билбей, арам оюн ичинен ойлоп коюп отурду. Анын бул оюн Ашырбү азыр билгенде кийимин колуна карматып, жолуна салмак. Мамбет аны жакшы билет, ошондуктан азырынча койдон жоош болуп эптеп батууга аракетин жасады.

Мамбет кайра келгени Миразимдин кабагына кар жаады, бирок күндө кылып жүргөн жумушту өзү билип, колунан келишинче тырбалаңдап кыла берди. Анын бакырайган капкара көздөрү, узун кирпиктери ак саргыл жүзүнө жарашып, эмитен эле татынакай көрсөтүп, он-он бирдеги кыз адамды өзүнө тартып турат. Мамбет жашы кырктан ашып, ата сакалы ээгине бүтүп калса дагы арам оюн агыта кызга сугу түшүп, карындагы майга жетпеген мышыкча шилекейин кылк жутуп алат. Анысын ичинде арамы жок Ашырбү кайдан билсин, кээде анын тилине кирип, уруп да койчу болду. Жайкы каникул болуп калган, Ашырбү баласын алып, эшиктин алдында отуруп:

- Мира, кел, баланы алчы, мен кир жууйун, - деп калды. Аны уккан Мамбет:

- Баланы өзүң эле ал да, кирди Мирага жуудур, эмне болмок эле, тим эле эркелетесиң да? - деди жини келе.

- Баланы ала берсин, сен экөөбүз алма бактын ичин тазалап койолучу.

- Колум бошобойт, түбү ошо кызга керек нерсени эмгек коротуп эмне кылам, жок дегенде булардын баарын өзүңө өткөрүп алсаң болмок.

- Шашылганда эмне, Мира чоңоюп күйөөгө чыгат, анан ким талашмак эле, акыры биздики да.

- Кызык экенсиң, турмушта ар кандай болушу мүмкүн, балким ал кыз эч кимиси жок бир томолой жетимди таап алса, сага таш балээси да артпайт. Экөөбүз анан картайганда кайда барабыз, тирмиңдеген сиңдиң эчтекеге ээ кылбай мээнетиң текке кетпесин? - деди Ашырбүнү мазактагандай.

- Сен кайдагы мээнетти айтып жатасың, келсең да бир жакшы сөз чыкпайт экен го оозуңдан, кет десе аарыдай жабышасың. Билсең жеген-ичкенибиздин баары ошол кыздын эсебинен, же бир тыйын киреше кылдыңбы? Мен бул кызды өзүнүкү менен багып жатам, жездем менен эжемдин жыйган-тергени калган, - деп жини келе дагы уруша кетти Ашырбү. Камчы жөрмөлөп калганда аны бирөө такай караганга туура келип, Ашырбү Миразимди ага койгон. Өзү эткээл, көзгө көрүнүктүү болпойгон баланы арык кыз эптеп көтөрөт. Көтөрө албай кээде отургузуп алып ойнотот, бир колунда китеп. Бир күнү Ашырбү жокто аны көргөн Мамбет:

- Чилистен боло тургансыбай баланы жакшы кара, - деп зекиди.

- Карап жатпайымбы?

- Тилиңе тибиртке чыккыр, эмне мага сөз кайрыйсың?

- Эмнеге өзүңүз мага асыласыз? - деди Миразим жөн калбай.

- Жыга чабам, эй кыз!

- Мени жыга чапкыча өз балдарыңды карап алчы, өз балдарыңызды багалбай бекер оокатка келип жүрө бербей!

- Эй кыз, өлтүрүп койом! - деп жетип келип жаагын карыштыра кармап түртүп ийди. - Тилиңди тартпасаң ажалың менден!

- Апа-а! - деп чыңырып ийгенде жанында отурган наристе чочуп ыйлап ийди.

- Жүрөгүн түшүрөсүң, ал баланы, дагы бир жолу мага каяша кылат экенсиң кантип өлгөнүңдү билбей каласың, - деп төбөгө бир муштап ары басып кетти. Көзү караңгылап, башы зыңгырай түшкөн кыз ыйлап отуруп калды. Канча отурганын ким билет, бир кезде короонун оозунан Ашырбү көрүндү. Миразим эч нерсе болбогондой баланы көтөрүп, алдынан чыкты.

- Бала ыйлаган жокпу?

- Жок.

- Көзүңө эмне болгон, ыйладыңбы?

- Жок…

- Ушу кенедей баланы багалбай ыйлайт да, бекер алчаңдап аш ичкенге гана көндүрүп койсоң, - деп Мамбет ары жактан басып келди. - Ушуга баланы ишенип берип коюп, өлтүргөнү жүрөсүңбү? Мен көрбөсөм тырмактай немени өлтүрүп коймок, өпкөгө уруп жатыптыр, ыйласа эле урат.

- Эмне дейт, сен ушуну урдуңбу, жинди болуп калгансың го сен, бул эмнени билет ыя? - деп Ашырбү дагы териштирбей эле баштан ары бир салды. - Өлтүргөнү жүрөсүңбү ыя, зорго таап алган баламды, кагылайын десе, берекем менин, - деп баласын өпкүлөп, Мамбет экөө ээрчише үйгө кирип кеткенде Миразим жерге отура калып, буркурап-боздоп ийди. Бала неме актана албай да калды, күтүүсүздөн айтылган сөздү баамдабай да эси оой түштү, мындай болоорун түк ойлобогон кыз не дээрин да билбеди. Өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө ыйлады. "Эмнеге атам да, апам да өлүп калды, алар болгондо булар мени минтпейт эле", - деп ойлонуп турганда Мамбет чыгып:

- Кирбейсиңби, эжең чакырып жатат, - деп босогодо туруп, чылымын түтөттү. Өтүп бараткан кызга акырая карап: - Оозуңдан жел эле чыгып көрсүн өлтүрүп койом, - деп муштумун кезеди. Барскандай болгон оор муштумун көргөн кыздын жүрөгү шуу дей түштү, ошондон тарта ал сөз кайрып же мурункусундай тастаңдабай нак жетимдин кейпин кийди. Мамбет Ашырбүнүн сырын тартып алгандай шылтоону баладан баштайт. Үйгө кирген кызды таэжеси зекий:

- Экинчи баланы ошентип көр, өлтүрүп койом, ушул сенин урганыңды билип коюптурбу? - деди кайталап.

- Таеже, мен…

- Эмне мен калп айттымбы, актанганы турасың го, билсеңер мен ушул жерге бала үчүн келгемин, мен үчүн ал кымбат, денсоолугу таза бала керек мага! - деп аны сүйлөтпөй артынан кирип келди Мамбет.

- Болду эми, кантип ошончого барсын, домдоп койсо керек, - деп Ашырбү оозун жыйгыча дагы күпүлдөй кетти Мамбет:

- Мени калпка чыгаргыңар келип турабы, ушунун ооруп же бирдеме болгонун көрсөм, экөөң тең оңбойсуңар!

- Эмне болуп жатасың, тим эле бала үчүн бирдеме кылып койгонсуп опуруласың да, алиге күбөлүгү жок, кыйын экенсиң ошону алып бербейсиңби.

- Берем эле…

- Көрөм. Менден башка аял болсо.. .

- Эмне кылмак, сен дагы тим койсо көөп баратасың.

- Көпкөндөй эмне кылып ийдиң? - Ал экөөнүн айтышы Миразим үчүн жаңылык эмес эле, бирок таежесинин ага катуу айтканына кубанып калды, Мамбетти азыр эле кууп чыкса деп турду. Бирок кайдан, эрди-катын урушат, эси кеткен болушат дегендей бир аздан кийин баары үнсүз отуруп калды. Мамбет өзү күндө кызуу жүрөт, колуна акча тийди кызымтал болуп ичип келет. Бара-бара анын достору пайда болду, кээ-кээде бөтөлкөнү көтөрүп келип, бакылдашып ичип отура беришет. Медеттен калган малды эптеп Ашырбү улантып мал кылмак болот, бирок Мамбет аны союп алып көбөйтпөдү. Эгерде сойбо десе, өчөшүп чөп салымыш, карамыш болуп жүрүп, муунтуп же бутун сындыра коюп, эптеп жегенге маш. Беш кой, бир уйун Ашырбү андан жашырчу болду, кокус уй бар экенин билсе торпогун сат дегенден кайра тартпай турган. Бир күнү анын арак досторунан тажаган Ашырбү:

- Мен сенин досторуң эмес өзүңдөн тажап отурам, жашаганга жараша иштеп, бирдеме алып келип койсоң боло, же бир никелеп алган аялың болбосом баарына чыдагыдай. Ушул убакка чейин айта берип тажап кеттим, деги кетчи! - деди эле Мамбет адатынча атырылып кирди:

- Ийи, мен кетсем башканы киргизип алып жыргамаксыңбы, же даярбы андай кишиң?

- Башымды оорутпай жогол! - деп кыйкырып экөө урушуп жатканда сырттан бир чоочун киши кирди.

- Жакшысыңарбы? - деп Ашырбү менен учурашты да, Мамбетке кайрылды. - Бу сенин жүргөн жериң ызы-чуу да, биерде эмне кылып жүрөсүң?

- Аке, мен…

- Бас жаагыңды! - дегенде Мамбет унчукпай калды. - Акеси Ашырбүнү карады. - Сен мунун эмнесине ишенип жүрөсүң, балам?

- Мен муну кармаганым жок, кет дегениме болбой эле жүрөт.

- Туура кыласың, бул акмак беш баласын багуудан качып жүрөт.

- Алып кетиңизчи деги. - Ашырбү ары бурула берди. - Береги бала үчүн тим койдум эле, тапкан эч нерсеси жок, карды тойгонго кубанып жүрсө керек…

- Уктуңбу, акмак, жашың кырктан ашты, балдарыңдын алды бой жетип калды, аркасы чиедей болуп жаш, аялың балдарды багабы же иштейби ыя? Сен минтип кардың тойгон жердин кулу болуп жүрсөң…

- Мени кул болуп жүрөт деп ким айтты? - Мамбет агасын кызаңдай карады. - Кул болбой эле жүрөм.

- Кеп маанисине түшүнбөгөнүң ушул, кеттик акыйлашпа мени менен, - деп дагы Ашырбүгө карады. - Баланын атасы ушулбу?

- Ушул болбосо мен эмнеге айтам.

- Мейли, иттен ит туулат деген, балам, сен менин сөзүмө терикпе, кээ бир жакшылар бир тырмакка зар болуп жүрсө, бул иттин катын-баласы көп. Сен эле эмес, мунун бирден баланы багып отурган дагы эки аялы бар, - деди да, Мамбетти карыдан ала сыртка жетеледи.

- Мен баары бир кетпейм, Ашырбү, мени алып кал, балам үчүн.

- Жок, бизге эми сенин керегиң жок! - Ашырбү терс карап сүйлөдү. - Мен канча жолу айттым, балага атыңды бере албадың, жок дегенде нике кыйдырбадың. Эмне деп алып калам, кантип айтам сени кал деп, ойлосоң өзүң, ажыраштым деп келдиң, кеч боло электе кайт дедим, болгон жоксуң…

- Ашырбү, мен сени сүйөм!

- Эмне, сенин жүрөгүң барбы, же кол оорутпай, жан кейитпей карын тойгузган жерден кеткиң келбей жаткандыр?..

- Жок-жок, мен сени жакшы көрөм, сүйөм, Ашырбү! Сүйгүчүлүн мунун!

- Бас дедим го сени. - Мамбетти агасы дегдеңдете желкесинен кармай сыртка түрттү. Ашырбү тескери караган калыбында жүзүнөн ылдый куюлган жашы акырегине тамып, үнсүз көз жашка муунуп тура берди. Качан гана короонун сыртынан машинанын үнү угулуп, кайра тынчып калгандан кийин төргө шалк эте отурду да, шолоктоп ыйлап ийди.

- Неге менин эрден жолум жок, же Сатыбектин убалына калдымбы, ала качып барса, сүйөм-күйөм десе болбой баса бердим эле, неге мынчалык кор болдум? - деп ыйлай берди. Миразим укса дагы жанына келбеди, кагуу жегенден көрө тынч отурайын дегени го? Ичинен Мамбеттин кеткенине так секирип сүйүнгөнү турса да, ачык айталбай ичинен кудуңдап: "Эми келбейт, жакшы болду, таежем аны унуткуча мен унчукпай эле койойун", - деп ойлонуп жатты. Ошол кезде Ашырбүнүн үнү угулду:

- Мира!

- Эмне, таеже?!

- Таш оозуңа, үйдөн чыкпай калдың да, баланын шымын жууй койчу!

- Макул.

- Бол эрте, шымы калбай калды.

- Тез эле жууй койом, таеже, - деп шыпылдай жууй салып, кир сууну төгүп, кайра киргенде Ашырбү аны жекире карады:

- Сага эле кудай берди го ээ, Мамбеттин кеткенине так секирип сүйүнсөң болмок!

- Таеже, ага эмне болушасың, бүгүн ал өзү мени уруп калп айтты, мен Камчыны кантип урмак элем. Балдары бар экен го, сени алдап эле жүргөн кишини жакшы көрөсүңбү?

- Басчы жаагыңды, - деп койду. - Өзү жакшы адам, болгону бир жери бар экен, калпты көп айтканы, анан жалкоолугу.. .

- Жакшы киши болсо балдарын таштайт беле?

- Чоң энедей сүйлөйсүң, балким аялынан тажагандыр, адам бир нерсеге нааразы болгондо, бирдеме жетпегенде жылуу уясынан качат, болбосо кандай адам качат, - Ашырбү өзүнчө сүйлөп жатты.

- Таеже-е, ошону келсе киргизбечи?!

- Ал эми келбейт.

- Эгер келсе киргизбейбиз ээ?

- Макул, - деди жумшара. - Мен аны түбөлүк күйөө кылып алам деп ойлодум эле, - деп дендароо боло отура берди. Миразим келип Камчыны көтөрүп ала коюп, ойнотуп жатты, бактылуу балалыгы кайрылып келгендей өзүнчө эле жыргап жатты. Ушул ирет Ашырбү эбак өлгөн ата-энесин эстеп, бүгүн гана өлгөн сымал ичи өрт болуп күйүп турду. Ал күнү ошентип жатып калышты. Ошол бойдон үч-төрт күн абдан жаман болуп, сиркеси суу көтөрбөй, Миразимге да зиркилдеп жүрдү. Мектепке бараар мезгил жакындап калган. Ашырбү жанындагы дүкөндөн эле Миразимге кийим-кечени карыздап алып, анан өзү ичмекке бир бөтөлкө арак алып келди. Тамак жасап алып, арактан куюп ичип отурду. Бөтөлкө жарымдап калганда бир топ кызып калды да, баласын карап отуруп, ыйлап кирди.

- Таеже, ыйлабачы, - деп Миразим ага жакындап кучактамак болду эле:

- Барчы, ай кыз, ушу сенин да азабың өттү! - деп түртүп ийди.

- Таеже, бир жинди киши үчүн ушунча болосуңбу? - деп Миразим ыйлап жиберди.

- Сенден да тажадым, деги какшанбай отурган күнүң барбы? - деп зиркилдеди Ашырбү.

- Таеже…

- Өпкөңө, ата-энең менен өлбөйт белең, менин дагы колу-жолум бош болот эле, - деп жинденип буркан-шаркан түшүп жатты.

- Эмнеге мени мынча жек көрүп калдың?

- Башынан жек көрөм! - деп баласын көтөрүп, эшикке чыгып баратып, - Же тууганыңар болсочу багып алгыдай, - деди бултуңдай.

- Жакын сен деле жаман көрөсүң го, башкалар деле ушинтмек, апам бир тууганымда калды деп ойлойт чыгаар? - деди кыз чоң кишидей улутуна.

Ашырбү анын сөзүн укса да, укмаксан болуп чыгып кетти. Миразим ыйлап кала берди. Канчалык ага жагынып, алы жеткенин айттырбай жасаса дагы жакпады. Ашырбү ичип алып, баланы эмизет да жатып алат. Баланын жалаягы менен анын кирлерин Миразим эптеп чала-була жууп жаят, анан билген тамагын жасап, алдына алып келет. Кээде кыялы кармаганда Ашырбү анын жасаган тамагын жактырбай тилдеп жиберет. Бүгүн дагы итиреңдеп:

- Ушуну кантип жасадың ыя, эмне, мен сага итминби? - деди идишти түртүп. Анысы чайпалып дасторконго төгүлүп кетсе айкырып ийди. - Эмне, сен мени кекетип калдыңбы ыя?

- Таеже, мен төккөн жокмун. - Миразим ыйламсырап ийди.

- Ийи, мен төктүмбү анан? - деп Ашырбү акшыя карады.

- Жо-ок.

- Анда ким, эй шүмшүк, сен бара-бара кишини тоготпой баратасың го?

- Эмне кылдым?

- Атаңдын башы! - дегенде Миразим ыйлап чыгып баратты эле Ашырбү аны кыйкырып токтотту. - Токто, дүкөнгө барып бир бөтөлкө арак алып кел!

- Бербейт.

- Барып кел дейм.

- Таеже, бербейт.

- Мени айтты де.

- Макул, - деп көз жашын аарчый күүгүмдө эшикке чыгып, коңшусунун дүкөнүнө кирди. - Эже, таежем бир арак берип койсун дейт.

- Мира, таежең аябай карыз болуп кетти, азыр берейин, кийинкиде бербейм, ал жаш баласы менен аракты эмнеге ичип жатат?

- Билбейм, - деди Миразим сабыры суз.

- Шоруң көп экен, байкуш, эне-атаңдын өлүп калганын карабайсыңбы? - деп Жаркын кызга жан тарта шыпшынып койду. - Баягы эри кеткенби?

- Ооба, - деп андан аркысын уккусу келбей дүкөндөн чыгып баратты. "Эмнеге менин атамдар эрте өлүп калды? Чын эле шорум көп окшойт, эмнеге адамдардын шору көп болот, же менин эле шорум көппү, таежем жакшы эле болчу, мени эмнеге жаман көрүп баратат?" - деп келип аракты жанына койду. - Таеже, карызыңар көп дейт, эми келбегиле деди.

- Эмне-е, ошончо эле жетишип калыптырбы, алат да карыз болсо.

- Ошентип айтты.

- Айта берсин, келе стаканды алып бер!

- Таеже, ичпей эле койчу. - Миразим жалдырай карады. - Камчы чоңойгуча ичпей эле койсоң…

- Эмне, сен мени башкаргың келеби, же тарбиялайсыңбы ыя? - Ашырбү ушинтип акырая караганда Миразим унчукпай калды. - Мага акыл айтчу адамдар эбак өлгөн!

- Таеже, мен кантип акыл айтам, өзүм акылга суусаган жаш кызмын го? - деди Миразим ыйламсырай. - Андан көрө сен мага акыл айтчы, ичпей Камчы экөөбүзгө акылдуу эне болчу, татыктуу көңүл бөлчү, таеже!

- Эмне дейсиң? - Ашырбү стакандагы аракты ичип жиберип, уктап жаткан уулун чолуй карап, Миразимди тикирейе тиктеп, оозун ача кызыктай акыбалда калды. Бир чети арак жанын жыргатып, бул дүйнөдөгү азап-тозогун унуткарууга жардам берсе, экинчи жагынан бул сөз аны ойлонтуп койду. Эки куюм ичти да, калган аракты ары түрттү. - Ме, алып койчу.

Миразим аракты ары алып коюп, дасторконду жыйнады, идиштерди жууду. Анан үйдү шыпырып, төшөк салгандан кийин уктап калган Ашырбүнү ойготту.

- Таеже, туруп төшөккө жатчы.

- Жата берчи.

- Үшүп каласың, таеже, төшөккө жатсаң.

- Эмне эле кыйнайсың, баланы ыйлатпай кара.

- Макул.

- Бар, - деп коюп, Ашырбү коңурук тартып уктап калды.

Аны карап отуруп, Миразим ыйлап жиберди. Ошол түнү ал уктаган жок, улам бала ыйласа карап, шымын которуп, чай берип жатты, сүтү да калбаптыр. Таң атаарда уктап калган экен катуу соккудан чочуп ойгонду. Ашырбү баласы ыйлаганынан ойгонуп кетип, жини келип бир тээптир. Ичке тийген экен, көзү караңгылап, үч бүктөлө түштү.

- Эй шүмшүк, уйкудан өлсөң дагы баланы карап койбойсуңбу ыя?

- Түнү менен карадым, сүтү жок экен. Таң атаарда эле уктаганда гана көзүм илинип кетиптир.

- Таежеден айлан, тур, сүт сурап кел!

- Акча жок бербейт да.

- Сурап кел дейм!

- Таеже, эмнеге мынча кыйнадың, ушундан көрө өлтүрүп салчы, - деп Миразим эшикти көздөй жөнөдү, шолоктоп ыйлап алган.

- Эй шүмшүк, сүт таппасаң үйгө кирбе! - Ашырбү саксайган чачтарын оңдоп, жоолук салынды да, бөтөлкөдөгү арактан жутуп алып, ыйлап жаткан баласын чапкылап, таптап уктатмак болду. Бирок какылдап ыйлай бергенде эмчегин салды эле эмбей койду. - Өлүгүңдү көрөйүн баш-шыңды жегир, эмне мынча ыйлайсың, же жанагы жетесиз атаң өлдүбү, эк өлсө өлө койсун, сен үчүн эмне кылып коюптур! - деп дүк-дүк эттире койгулап, эмбесе дагы эмчегин салып жатып алды.

Миразим короонун оозуна чыгып, кайда бараарын, кимден сүт сураарын билбей, эки жакты карады. Үч-төрт майда балдар ойноп жаткан экен, ошолорду карап туруп, бир кездеги өзүнүн бактылуу балалыгындагы бир күнү эсине түштү.. .

Миразим анда алты жашта болчу. Өзү теңдүү балдар менен үйгө кирүүнү унутуп, күүгүмгө чейин ойноп жүрө бере турган. Бир күнү апасы чыга калып: "Мира, Мира кызым, келчи, келегой, кызым, сен жакшы көргөн мантыны жасап койдум", - деп кол булгалай чакырды. Миразим жүгүрүп келип, апасын кучактап алып: "Апа, досум Элдар дагы кирсинчи, макулбу, апа", - деп суранды. Апасы аны кучактап, бетинен өбө: "Ма-акул, көпөлөгүм, досуңду ээрчитип кир", - дегенде алаканын чапкылап: "Ур-ре, апам макул дебедиби, жүр, Элдар, манты жейбиз", - деп Элдарды колунан тарта үйгө жетелеп кирген. Апасынын экөөнө манты салып берип, жегендерин карап, күлүмсүрөп отурганы көз алдына тартыла: "Апакебай, силер эмнеге эрте өлүп калдыңар, таежем болсо ичип кетти", - деп ойлогондо жүрөгү шуу дей түштү. "А кокус мас болуп, баланы өлтүрүп алсачы, жок, сүт алып барайын, антпесем мени киргизбейт", - деп көз жашы сызыла туруп калды.

- Мира, эмнеге карап турасың? - деген коңшу аялдын үнүн угуп, карай салса, ал жанында туруптур. - Эмне, ыйлап жатасыңбы?

- Жок-жок. - Кыз көз жашын аарчый жер карады.

- Капырай, Ашырбү жакшы келин эле, сени кор кылып койду го? - деп Асылгүл кейий карады. - Дагы ичип алдыбы? - Мира мурдун шуу тартып, башын ийкеп койду. - Эмнеге ичип жүрөт ал, баласы жаш, көчүнөн айныган экен. Биерде бирөөнү карап турасыңбы?

- Жок.

- Ыйлаба, кызым, таежең уктап жатабы?

- Жок, сүт алып кел деп урушуп жатат.

- Аа-а кокуйгүн, тура турчу бизде сүт бар бекен көрөйүн, - деп ылдамдай басып үйүнө кирип, банкага жарымынан сүт алып чыкты. - Ушул эле калыптыр.

- Рахмат, эже.

- Балага бересиңби?

- Ооба, рахмат, эже, анан идишти алпарып берем, - деп Миразим текилдей үйгө кубана кирип келсе, бала какылдап ыйлап, кара терге түшүп калыптыр.

Ашырбү болсо уктап жатат. Сүттү отко койду да, баланы ала койду, көп ыйлаганга өпкөсү көөп калыптыр. Шымын алмаштырып, анан көтөрүп сооротуп жатты, бир аздан кийин сүттөн берип, жаткырып койду эле уктап калды. Өзү отуруп алып, дагы ыйлады, качантан бери адамдай болуп сүйлөшүп же тамактанбай да калышкан. Бир кезде Камчыны кучактап алып, өзү да уйкуга кирди, түнү менен уктабаганга көзү жабышып турган эле.

- Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк десе, баланы өзү алып жатып алганы эмнеси?! - деп бир тепкенде көзүн ачса, жанында жоолугун кыйшайтып таежеси туруптур. - Тур, желмогуз!

- Таеже, мен балага сүт бербедимби?

- Атаң берди беле? - деди кекетип.

- Сурап кел дебедиң беле?

- Кимден сурадың анан, таежем мас болуп жатат дедиң да.

- Жок, эчтеке дегеним жок, таеже, ичпей эле койчу, бала ыйлап калат экен, - деп өңгүрөп ыйлап жиберди. - Эмнеге ичесиң, бир балаңды кимге кор кылып ичип кетесиң, эмнеге?? Эмнеге ичип жатасың, апамдан башка эч кимиң жок эле го, ал өлгөндө ичпей эми эмнеге ичесиң?

- Ыя? - деп Ашырбү жаткан жеринен тура калды. - Ичпейм, эми такыр ичпейм, - деп баласын колуна ала коюп кучактап, ал дагы буркурап ыйлап кирди. - Мен жинди болдумбу, ырас эле эмнеге ичип жатам?

- Сен жакшы элең го, эмнеге минтип ичесиң билбейм, таеже? - Миразим эжесинин жоошуй түшкөнүн көрүп, ого бетер айта баштады. - Камчы экөөбүздү кимге ишенип ичип жатасың? - деп Ашырбүнүн бут жагына башын коюп, өпкөлөп жатты. - Жакында мен окууга кетсем, Камчыны кантесиң?

- Болду, болду ичпейм, карыздардан кутулайын, кой, садага, чын эле мен жинди болдумбу? Кагылайыным менин, сени карабай апаң арак ичкенче балээ ичсин, дарт ичсин, - деп таежеси эми эсине келгендей баласына жалынып, өпкүлөп жатты.

Миразим андан кийин үндөбөй калды. Тамак жасайын десе эчтеке калбаптыр, жадагалса май да жок экен, аргасы кетип таежесине кирди.

- Таеже, тамак жасаганга эчтеке жок экен.

- Такырбы?

- Жок, бүгүн чай ичип жатабыз да.

- Мейли, май же эт да жок бекен?

- Эч нерсе…

- Анда жөн кой, эртең карыз ала койобуз.

- Качан беребиз, карызга бербейт го?

- Жок болсо бир жөн, мал сатабыз.

- Ооба, баары болот ээ, таеже? Камчы экөөбүздүн жаныбызда сен болсоң болду, мен сага эчтеке жасатпайм, сен ичпесең эле болду, - деп кучактап алып, ыйлаганда ал күтүлбөгөн жерден жинденип кетти:

- Барчы, эмнеге эле ичпе, ичпе дейсиң, мен эмне алкаш болуп кеттим беле.

- Таеже, мен анткен жокмун.

- Бас жаагыңды! Болду, жиниме тийбе, минте берсең дагы ичем, иче берем!

- Макул, сүйлөбөйм, таеже, кечирчи мени, - деди да, Миразим өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. "Ушунун баары жанагы Мамбеттин айынан болду, ошол кеткенге ичип жатат", - деп көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жатты. Бечара кыздын сыздаган жүрөгүнө жылуу сөз айтчу адам жок, бүк түшүп жата берди. Таежесине сүйлөгүсү келбей чай кайнатып, дасторконго каткан нанды койду. Анан: "Дагы эмне деп урушуп ийет?" - деп коркуп, же өзү чай иче албай, же чай ич деп айта албай мостоюп отура берди. Сүйлөсө эле бакырып же урушуп киргенинен заарканып калган. Ашырбү уктай берди. Миразим каткан нанды кемирип, бир бурчта соксоюп отурган. Бир кезде Камчы ыйлаганынан тура калып, ала койсо сийип алыптыр. Кургак шым кийгизип, упчусуна сүт куяйын десе, бала чырылдап ыйлап жиберди. Бир колуна баланы алып, бир колу менен эптеп бөтөлкөгө сүт куюп, шекер салайын десе, идиши бош. Түбүндөгү калдыктарды кырып салып, ичирмек болду эле ичпей ыйлай берди. Ошол кезде ойгонуп кеткен Ашырбү:

- Баланы эмнеге ыйлатып жатасың? - деди башын көтөрүп.

- Канты жок сүт ичпей жатат.

- Кебетеңе отурайын өлүксүз, даярдап койбойт белең.

- Кайдан алам? - Күнөөлүүдөй бүжүрөдү Миразим.

- Та-ап, өлүксүз, коңшудан сура, дүкөндөн ал!

- Бербейт.

- Ой сенден тажадым, өлүп калсаң жаным тынат эле, сенин азабың гана өттү го? - деп ордунан турду. - Өзүм барып келейин, ыйлатпай карап тур.

- Макул, - деди кыз үлдүрөй. Ашырбү сыртка чыгып, коңшунун дүкөнүнө жөнөдү, жоолугун түздөмүш болгон, анысы кайра эле кыйшайып калды. Дүкөнгө кирсе аялдар бар экен, алардан бир аз тартына дүкөнчүгө шынаарлай:

- Эже, шекер берип туруңузчу? - деди.

- Ашырбү, карызды көбөйтүп ийдиң го?

- Ушул жумада берем, эже, балам шекерсиз сүт ичпей жатат.

- Макул, ушул жолу берейин, эртерээк кутул.

- Ооба, эже, сөзсүз кутулам, - деди да, бир кил кантты колтугуна кысып, сыртка чыгып кетти.

- Капырай, дегеле балакеттей келин эле, буга эмне болгон? - деди бири ал чыгаары менен.

- Бирөө келип жашап жүргөн, ошонусу кетип калгандан бери ичип жүрөт. Кыз бечарага эле кыйын болду, кибиреп мунун баласын багат, түйшүктүн баары ошого түштү, - деди дүкөнчү Жаркын.

- Жаман аял эркек үчүн өзүн жоготот да, эркек көптүн эри деп койот го, өз эриң кетип калат анан, бирөөнүн эрин кармап калам деп ойлоптурбу? - деп күлүп калышты.

- Ошону айтсаң, аял өз абийириңди өзүң сактабасаң, башка бирөө сени басып гана койот, - дешип Ашырбүнүн артынан бир топ сөз кылышты. Ашырбү өзүн кармап, чымыркана ичкиликти таштамак болду. Башы канчалык ооруп турса да, бөтөлкөнүн түбүндөгү арактын калдыгын ичкиси келип, кайра өзүн токтотуп, чыдап жатты. Миразим сүйлөбөй жалтаңдап отурду, аны көрүп, Ашырбү ичинен боору ооруду. "Эжем болсо ушуга сүйлөй алат белем, байкушум ай, ушуга кыйын болду. Мен эмне болуп баратам, кара чечекейимдин жалгызын кордогонго кантип дитим барды, мени кудай кечирээр бекен?" - деп ойлонуп жатты. Кечке чейин эптеп карманып, кечинде баягы кылт этип эсине түшкөн аракты чыныга куюп жутуп алды. "Ушуну ичсем эс алып калам, эртең өзүмө келип калаармын", - деп ойлой, болпоюп ойноп аткан баласын карап, Миразимдин куйган чайын ичти.

- Нан жок бекен?

- Жок.

- Камыр жуурусаң боло?

- Жууруй албайм да.

- Көнөсүң, - деп ага камыр жууруп, нан жасаганды үйрөтмөк болду. Ошентип эки баланы караан тутуп, кайрадан жашай баштады. Ичкенин коюп, тиричилигин өткөрүп, карызынан кутулду. Миразим мектептен келгиче баласы менен отуруп, ал келээри менен чай ичишет, мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Кеч күз болуп калганда жети-сегиз жандыгы жана бир уйун торпогу менен алып келип, бага баштады. Эртели-кеч чөп салып, алдын тазалап, эртең менен чыгарып, кечинде короого киргизип камайт. Эшигинде картаң ити бар, ал чоочун адамды көргөндө баф деп коюп, кайра жатып кала турган. Бир түнү эшиктен дүп-дүп эткен дабыш чыкканынан чуркап чыга калса, уюн бирөө жетелеп баратыптыр.

- Жардамга эл жу-урт, ууру-ууру! - деп Ашырбү бакырып жибергенде тиги неме уйду таштай качып жоголду. Уйду кайра жетелеп кирип, байлап чыкса эки-үч коңшусу келип калды:

- Эмне болду, ким экен? Ууру дегениңди угуп, жетип келдик.

- Билбейм, ал өзү коркуп, таштай качып кетти.

- Көрүп калганың жакшы болгон тура.

- Кудай сактаптыр, билбей калсаң эмне болот эле?

- Эшиктин алды менен алып баратыптыр, малдын баскан дабышын угуп чыга калдым, атчан бирөө келдиби деп да ойлодум.

- Буйруктуу мал да.

- Кой, биз кетели, бирдеме болсо кабар кыл, бул жанагы кыздын ырыскысына кол салган кайсыл акмак болду экен?

- Ошону айтсаң, ата-энесинен калган мурасы көп болбосо дагы бир башына жете турган оокаты бар бечаранын, - дешип кошуналары үй-үйүнө тарады.

- Кыз-зык, ошол кыздын ырыскысы дештиби, менин бул үйдө жүргөнүм жөн эле турбайбы, а кокус мен бирдеме болсом балам кимде калат, менден ага эмне калат ыя, - деп ойлуу үйгө кирди, өзүнчө эле сүйлөнүп жатты. - Туура, эгерде эжем болбосо кайда жашайт элем? Мен эми жашоону жакшылап баштайын, балам үчүн бирдеме жасашым керек, келечегим үчүн кам көрүшүм керек, - деп жатып калды, жанында быш-быш этип, жөрмөлөп калган баласы эч нерседен бейкапар уктап жатат. "Садагам десе, аман-эсен болсоң экен, сени тарбиялап өстүрүп, үйлөнтсөм, балаңды багам, анан картайганда бактылуу кемпир болсом экен", - деп аста ууртунан өөп койду эле наристе чукуранып, кайра уктап калды. Ашырдү ар кайсыны ойлоп, түнү бою уктаган жок.

Эртеси туруп, короосун караса, койлору ордунда, түндө аз жерден уурдалып кете жаздаган ую дагы кемшеңдеп кепшеп жатыптыр. Аларга чөп салып келип, Миразимди ойготту:

- Мира, тур, тура гой, сабакка барасыңбы?

- Ооба, барам.

- Тур, антпесе кечигип каласың, тур дейм, - деп эңкейип кытыгылай бетинен өөп койду. Миразим өз көзүнө ишенбеди. Заматта апасы көз алдына келди, ал ар дайым өөп ойготчу, кечинде уктаганча жанында отуруп, кээде ырдап, кээде жомок айтып бере турган. Көзү жайнай түштү, үстүндөгү төшөктү ыргытып жиберип, тура калды да, таежесин мойнунан кучактады.

- Апакем, апакем менин, апамдын өзүсүң, таеже, аябай окшошуп кеттиң! - деп солкулдап ыйлап жатканда Ашырбү эмне кылаарын билбей калды.

- Болду эми, Мира, сен чо-оң кыз болуп калбадыңбы, акылдуусуң, супсулуу кыз болуп келе жатасың, эми ыйлаганың болбойт, - деп ушул кезде ыраматылык эжеси көз алдына тартыла көзүнөн жаш ыргыды. Кызды чачынан сылап, маңдайынан өөп, кучагына кысып-кысып көпкө турду. - Бара гой, жуунуп кел, чайыңды ичип, окууңа жөнө.

- Мына кеттим, - деп бактылуу жылмайган кыз сыртка секирип чыгып кетти, Ашырбү аны узата жылмайып карап турду. Бирок бул бактылуу көз ирмемдер канчага созулаарын ким билет. Ашырбү кетирген кемчилигине уялды. "Арбак алдында күнөөкөр болдум, эки бирдей адамдын арбагы мени кечирбейт го, мени кудай урдубу? Ушуну кагып-силкип жинди болдумбу, өзү боорукер, ашыкча акылдуу", - деп ойлоп, чайын демдеп дасторкон жайып, Миразимди күтүп калды. Ал чайын ичип алып, кудуңдап сүйүнө мектебине кеткенде Ашырбү өз тиричилигине киришти. Ошондон он-он беш күндөй өткөндө бир коюн түндөп уурдатып жиберди. Эртең менен малын чыгарып жатып, чоң кара кой жок экенин көргөндө күйүп-бышып коңшуларына кыйкырды. Эч ким көргөн эмес. Кейип-кепчип, ууруларды каргап-шилеп кала берди. Кынык алып алганбы көп өтпөй ууру дагы келди. Ашырбү короосун бекемдетип, чоң кулпу салып койгон эле. Ачалбай көпкө убараланды. Калдыр-кулдур эткен дабышты эшикке чыккан жакын коңшусу угуп, акырын Ашырбүнүн терезесине келип, такылдатты да:

- Корооңдо бирөө жүрөт, - деди шыбырай. Анткени анын ажатканасы короонун артында болчу, малдын кошкурганынан өйдө угулуп турчу. Экөөлөп дагы эки-үч коңшусун ойготушуп, колдоруна союл алып, чогуу короону тегеректеп киргенде ууру эски аттын акырына кире качты. Эч кимди таппай кошуналар көпкө сүйлөшүп турушту. Ууру болсо демин ичине катып, акырда жаткан. Бул Мамбет эле. Эл үй-үйүнө тараганда гана эптеп качып кетти. Анан эле бир күнү кийим-кечесин алып, кеч күүгүмдө кирип келсе болобу? Ашырбү аны үйгө киргизбей коңшуларын чакырып жакшы эле аракет кылды. Бирок анысынан эч майнап чыкпады. Мамбет кетпей көгөрүп короонун бир бурчуна жатып алды.

- Сен эмне деген адамсың, мага эмнеге келдиң?

- Жаным, мен сени сүйөм, агама ачык айтып, кийим-кечемди алып, биротоло келдим.

- Кереге жок, биерден тоңуп өлөсүң!

- Мейли, өзүм сүйгөн аялдын босогосунда өлсөм арман жок, - деп Мамбет Ашырбүнүн бутуна жармашты. - Кечир мени, жаным, мен сенсиз жашай албайм, кабыл алчы мени, баламды да сагындым. - Өлөрмандык кылып ыйлап жиберди. Мамбет бул жолу чындап эле үйүнөн чыгып калган, ичип, ар кай жактан уурулук кылып, милицияга түшө бергенден улам: "Кайда барсаң анда бар, кара жаныңды бак, бизди тынч кой", - деп катын-балдары кууп жиберишкен эле.

- Сен мени мазактаба, элдин бетин кантип карайм, сенин келгениң да, кеткениң да азап болду го? - деп Ашырбү үйүнө кирип кетти, кирсе Миразим ыйлап отуруптур. - Сага эмне болду?

- Жанагы кишини кетирип жиберчи, таеже, сени ал жинди кылат, балдарына батпай калганда келгендир, киргизбечи, таеже…

- Өлүп кетсин ошол, киргизбейм өзүм дагы.

- Чын элеби, таеже?

- Чын айтам, садага, көңүлүм калды. - Ашырбү үшкүрүнүп отура кетти.

- Кетпей койсочу?

- Кетет.

- Жаман киши ээ, таеже, ага сен ишенбечи.

- Ишенбейм, коркпо.

- Дагы эшикте жатабы?

- Ооба.

- Эшикти ачпа ээ, таеже.

- Ачпайм, ошол жакшылыкты билеби?

- Кетип калса экен, - деп тиленген Миразим ички бөлмөгө кирип кетти. Мамбет ого бетер көгөрүп түнү бою отуруп чыкты. Эртең менен Ашырбү сыртка чыкса, ал малды чыгарып, чөп салып жүрүптүр. Жини келген Ашырбү барып, колундагы бешиликти жулуп алды.

- Деги өлөрман неме экенсиң да, бул үйдө кала албайсың, андан көрө үйүңө кет!

- Кетпейм, сенин корооңдогу коюң менен жата берем.

- Эмне жанды чыгарасың, жүрү үйүңө барабыз. - Колунан булка жетелеп жөнөдү. - Аялыңа алып барып тапшырам, болбосо милицияга!

- Ашырбү, токточу эми, мени түшүнсөң, аялыма баарын өзүм айткамын, бир балабыз бар экенин билет, убара болбочу, жаным.

- Жаным деп кыжырыма тийбе, башыма түшкөн балээ гана болдуң го, билсе биле берсин, алпарып тапшырамын, болбосо каматам, - деп сүйрөмөк болгону менен ага күчү жетпеди. - Бол деп жатам! Түш алдыма!

- Мен биерге кетүү үчүн келгеним жок.

- Мамбет, менин үстүмдө үйүм жок, кандай жашайсың, Миранын туугандары ансыз дагы үйдөн чык деп жатат, - деп калп айтып ийди Ашырбү.

- Эмнеге?

- Ошого, кыз алардын үйүндө болуш керек экен.

- Демек жакшы болот, экөөбүз шаарга кетебиз.

- Мен сени ээрчип как талаада калгым келбейт, андан көрө кетип кал.

- Сен кайда барасың?

- Өзүмдүн жашоомду өзүм биллем.

- Койчу, Ашырбү, антип тескерилене бербечи. Же бирөөнү таап алдыңбы?

- Таап аламбы, жокпу, ишиң болбосун! Элдин баары эле сендей көт жинди дейсиңби?

Алар антип акыйлашып жатканда Миразим эшикке чыгып жуунуп, үйгө кирип, окуусуна камынып жатканда бала ыйлап калды. Көпкө көтөрсө да басылбай койгондо чыгып:

- Таеже, бала ыйлап жатат, мен сабакка кечиктим, - деди.

- Мага бер да, бара бер, - дегенде Миразим баланы таежесине берип жатып, Мамбетти акырая карап, басып кетти. Мамбет он эки, он үч жашар кыздын көз карашынан бир силкинип алды да: "Сени шашпа, таежең үчүн эмес сен үчүн келип жүрөм, өзүм чоңойтуп, өзүм кызыгыңа батам", - деп ичинен кекенип тим болду. Көп өтпөй баласын көтөрүп алып, Ашырбү үйгө кирип, эшигин бекитип алды. Кыжаалат боло баласын тойгузуп, өзү чай ичип, андан кийин кийимин алмаштырды да, милицияга жөнөдү. Ал участковыйду ээрчитип келгенде Мамбет эшиктин алдында отурган.

- Сизби Мамбет? - деди участковый ага.

- Ооба, эмне болду?

- Бу кишинин тынчын алып жатыпсыз…

- Бу менин аялым, балабыз бар, иним, үй-бүлө чатагына кийлигишпей койгонуң дурус, биз урушабыз, кайра табышабыз, - деп керсейе карады ал.

- Кайдан билем, арыздангандан келип отурам.

- Бекер кыласың, иним. Бир аз итчилик кетип калыптыр, эми мени кечир, кемпир, инимдин алдында сурайын, - деп каратып туруп жанын жегенде Ашырбүнүн жини кайнап кетти:

- Кайдагы аял, сенин үй-бүлөң, балдарың бар, андан көрө сыйың менен үйүңө кет.

- Бир аз ит кыялы кармап турган, ошого барган го, аялдарды билесиң да, иним, көптөн бери иштебей үйдө болуп калганга кет деп ачууланып отурат, - деди Мамбет жылмая.

- Калп, аялы менен балдары башка жакта, жалгыз бой аялмын ар убак тынчымды алып, коркутуп жүрөт, иши кылса алып кеткиле, суранам, - деп Ашырбү ыйлап ийди эле милиционер ачуулана Мамбетти карыдан кармады.

- Азыр бөлүмгө барасыз, ошол жерден сүйлөшөбүз, - деп Ашырбүгө карады. - Сиз дагы жүрүңүз, арыз жазасыз.

- Макул, барам азыр, - дегенде Мамбетти түрткүлөп машинасына салды да, алып кетти. Ашырбүнүн бир ныптасы эңшериле түштү, "Эмне кылдым, тим койсом болот беле, үйүндөгүлөр дагы чыгарып койсо, мен каматып койсом не болот? Деги акылым жок аялмын, баламдын атасы эмес беле", - деп үйүнө кирип, баласын эмизип, ойлуу отуруп калды. Участкага барган жок. Түштөн кийин Миразим сабактан келип, үйдө Мамбеттин жогуна кубанды, бирок ал бул жолу сыртына чыгара эчтеке деген жок. Ичинен гана: "Кудай, ушул адамды үйүбүзгө келтире көрбө", - деп жалынып алды.

- Келдиңби, мен малды карайын, баланы алчы.

- Макул, - деп Миразим шыпылдай баланы ала койду. Ошентип жашоо-тиричилиги кыбырап өтө бермек, бирок ошол эле түнү анын эшиги катуу кагылды. Бул Мамбет болчу, Ашырбү барбаган соң аны кайра койо беришкен. Кечке каңгып жүрүп, кечинде короого келип, кийим салынган баштыгын караса, ордунда экен. Аны алып, арам ою менен дагы ууруга кирмек болду, бирок эртең эле милицияга түшөөрүн ойлоп, кайра эле Ашырбүнү алдоого ыктады. Аял деген эркектин жылуу сөзүнө эрип, кучагына киргенде баардык капачылыгын унутуп жиберээрин жакшы билген шумпай эшикти тыкылдатып, карс-карс ургулады.

- Ким бул? - деди Ашырбү.

- Ашырбү, бул менмин, ачсаң эшикти.

- Ай кудай ай, деги эмне деген адамсың, тынчтык бересиңби ыя?

- Ачып койчу, бай болгур, үшүп кеттим, кардым дагы ач.

- Бар үйүңө!

- Айттым го сага, үйдөн чыгып кеткемин.

- Анда ага-иниңе бар!

- Эч жакка барбайм, анда эшигиңде жатып тоңуп өлсөм да ыраазымын, - дегенде Ашырбү эшикти ачып жиберди. - Алтыным, мен сени гана сүйөөрүмдү билсең, качантан бери айтып келе жатам го, эмнеге ишенбейсиң? - деп Ашырбүнү кучактап, жанталаша өпкүлөп, койо бербей турду. - Канчалык сагынганымды билсең мындай кылбас элең.

- Болду, балдар ойгонот, - деп Ашырбү ары өзүнөн оолактатмак болгону менен Мамбет болбой эле кучактаган бойдон жарыкты өчүрүп, төшөккө жеткенче аймалай берди.

- Эми сенден ажырабай калайын, кет дебечи, жаным, - деп төшөккө жыгып, чечиндире баштады. Бул эркектин, аялдын негизги талуу жерин билген куу эркектин амалы эле, катынын, балдарын атайлап таштап, бекерчиликтен үй-бүлөсүнө жаман көрүнгөндө жалгыз бой аялдын алсыздыгын билип туруп жасаган иши. Эң башкы максаты жетимдиктен эки көзү жалдырап, көкүрөгүнө муң толгон кыздын бажырайган жамалы сугун арттырып, эртедир-кечтир ага суук колун салуу эле. Ашырбүнү адеп көргөндө анча жактырбаса да, көпөлөктөй болгон куурчак кыздын кез келгенде топту жарган сулуулардын бири болоорун бир көрүп билип, аны өзүнө гана энчилеген. Ошондуктан дал ушул үй ага өзүнчө эле падышанын сепилиндей көрүнүп, кеткиси келбей айланчыктап туруп алды. Бирок Ашырбү анын ар бир сөзүнө ишенип, дал ошол түнү аны кечирип, өз кучагына алды. Кантсе дагы баласынын атасын аяды, анын үстүнө эркектин койнун эңсеп-күсөп калганын мойнуна алды жүрөк түпкүрүндө. Эртең менен турган Миразим таежесинин жанында жаткан жек көрүмчү адамды көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Унчукпай эшикке чыгып келди да, кийинип алып, мектепке кетип калды. Тагдырдын тамашалуу кысымына кабылган кыз дал ошол адамдын азабынан өз жанынан кечүүгө чейин бараарын билбесе дагы жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, аны бүт жан дили менен жек көрө жашап келет.

Арадан беш жыл өтүп кетти. Миразим сегизинчи класска окуп калган. Анын бой жеткени Ашырбүгө түйшүк эле болду белем, эртели-кеч балдардын ышкырыгы тынчын алат. Жини келгени менен Миразимдин эч жакка чыкпаганын ойлоп, өзүн-өзү сооротот. Кийинки кездери ал кызга ызырынып, жаман сөз айтпай да калган. Камчы бешке чыгып, андан кийин бир кыз төрөп алган. Эки балалуу болушту, бирок дале никесиз жашап жүрө беришти. Бир күнү эшиктен кирген Мамбет:

- Ушу кыздын азабын тартаар бекенсиң, бузулуп бүттү. Бир күнү тууп кетет бул, эркектерди ээрчиткенин кара жашабай жатып, - деди.

- Эмне болуптур, өзү татынакай, сулуу болсо балдар келе берет да, Мира андай кыз эмес, аларды карап да койбойт, - деди кенебеген Ашырбү.

- Сулуу-сулуу деп койот, аныңдын эмдигиче эмне болгонун билет белең, мектептен эле баарын бүтүрөт да, - деп жыландын башын чыгара сүйлөгөндө Ашырбү ага жини келе карады:

- Сени ошол кызга киришпе дегеним качан, аны менен ишиң да болбосун, сен өз балдарыңды, мына бул кызыңды тарбиялап ал!

- Болуптур, койдумчу деги, бир үйдө жашап жатып дагы эч тиешем болбосо, анда унчукпайм, - деп күңкүлдөй Мамбет отуруп калды. Экөө дулдуюп отурганда Миразим келип, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эч кимиси үндөгөн жок. Күндөгүдөй эле тиричилик өз өкүмүн жүргүзүп, өтө берди. Миразимге онунчу класстын балдары, өзүнүн классташтары кат жаза берет. Бирок эч кимисине көңүлү жок, бир гана тогузда окуган Азимбек деген бала зымпыйып жүрөт, кыз алдыртан аны өзү жактырат, бирок сыр билгизбейт. Бирге окуган Сейил экөө сырдаш, бирок ал курбусуна жигиттердин баары кат жазып, уйгактай жабышканына ичи тарып, көрө алчу эмес. Миразим бала кезден бетке чабаар, ички сырын ачык айткан кыз. Ошондуктан ага көбү даай албайт. Ашырбү канча ирет көз салып, күнү-түнү күдүктөндү, бирок эч бир шек-шыбырын биле албады. Миразимдин жүрүм-туруму кынтыксыз, сабагын тырышып окуйт, кир-когун өзү жууп, боюна чаң жугузбайт, качан көрсөң тыкан, таза. Ашырбүнүн колуна кол, бутуна бут болуп, балдарына камкор мамиле кылат. Мамбет кайрадан иче баштаган эле, эси-дарты көз алдында суйсала өсүп келе жаткан Миразимде. Арам оюнда аны коркутуп, аял кылып алгысы келет, бирок ал ою ишке ашпасын билет. Канткенде тал чыбыктай ийилген жаш кызды кучагына кысып, койнуна алып жатып, бир кумардан чыгуунун амалын таппай жүрдү. Антип-минткиче кыш келип, бир күнү Мамбет ооруп калды, ал жөн гана амалы эле. Ашырбү Миразимдин он сегизге чыкканча ала турган акчасын алып келгени почтага кетип, кечигип жатты. Камчы менен Асел ойноп отурган. Миразим сабактан келип, бөлмөсүнө кирип кетти. Мамбет акырын эшикке чыкты да, эки жакты карап кайра кирип, ашканадан бычакты алды. Ал кызды коркутуп, зордуктамак болгон. Акырын кыздын бөлмөсүнө башбакса, Миразим мектепке кийген кийимин алмаштырып жаткан экен. Болоор-болбос тирсийип турган эки алмасы ипичке боюна жарашып, аппак аруу денеси эркектин кумар ышкысын арттырып ийди. Шарт эшикти ачып, бычакты кезей, көздөрү ач карышкырдыкындай кызарып кирип келген Мамбетти көргөндө Миразим бакырып ийди:

- Сизге эмне болгон, чыгыңыз дейм эшикке!

- Болду, оозуңду жап, үнүң чыкса өлтүрүп салам! - деп кызга жакындап келе жатты. Түрүнө караганда эч нерседен кайра тартчудай эмес. Кыз кайратына келе: "Ушуга кордолуп калганча өлгөнүм артык", - деп өзүн тобокелге сала:

- Өлтүр, сендей акмактын колунан кордолгуча өлсө өлөйүн! - деп кайра өзүн көздөй басты. Ошондо Мамбеттин деми кайта түштү, ал кызды ыйлап жалдырап туруп берет деп ойлогон:

- Өлөсүңбү, анда мына сага! - деп кызды качырып киргенде сырткы эшик ачылып, бирөө келе жаткандай болду. Мамбет шарт чыга калып, бычакты үстөлгө коюп, төшөгүнө уктамыш болуп жатып калды. Жүрөгү көкүрөгүн тээп түрсүлдөй каккан Миразим отура калып, ыйлап ийди, үнүн чыгарбай ичтен букурап-боздоп жатты. Анан кийинип алып, мелтейе сабак даярдоочу үстөлгө шалак отуруп калды. Эчтекеден капары жок Ашырбү сырттан кирип, Мамбеттин жанына келди:

- Дары алып келдим, ичип алчы.

- Кандай дары? - Өлүмүш боло үн катты анысы.

- Тумоонуку да, мен малды карайын, Мира келди беле? - дегенине үнсүз баш ийкеп жооп кылды Мамбет. - Ээ Мира, акчаңды алдым, эми сен чоңойгон сайын азая берет экен, мындан аркысын экзамениңе чейин албай чогулта берели ээ?

- ? ..

- Мира, угуп жатасыңбы мени?

- Эмне болду, таеже? - Миразим ичкериден чыгып келип, таежесине тик карады, анын көздөрү жаштуу, анан бир башкача болуп көрүндү.

- Сага эмне болгон?

- Эчтеке, атамдарды эстеп ыйладым. - Муну уккан Мамбеттин жүрөгү ылдыйлай түштү, ал өзүнчө коркуп, ары карап жаткан. "Ушундай суукта шүмшүк кыздын кесиринен кууп чыкса кайда барам, эми эмне дээр экен? Өзүмдүн мококтугумдан болду, бычак деле албай кирип барып эле басып калсам болот эле го, мүмкүн ал алиге бузулуп калгандыр", - деп ойлоду.

- Эстегенде эмне, садага, эми алар бейиште жүрсүн, кыйналбасын десең көп ыйлаба, бүгүн бир тамак жасап, куран окуп койолу, макулбу?

- Макул, - деп Миразим эшикке чыгып кетти. Жанын жай алдырбаган коркунуч аны бийлеп алды: "Бир күнү болбосо бир күнү бул бир нерсенин үстүнөн чыгат, кандай кылсам экен, таежеме ачык айтсамбы? Ал түшүнбөсөчү, мага ишенбей кайра жек көрүп калсачы, анда кантем, балким ишенээр, экөөлөп элди чакырып, милиция менен кубалап чыгаарбыз. Ошондо бул кырсык тооруган адам кетээр беле, кайра өчөшүп кылбаганды кылабы, кудай ай, эми эмне кылам?", - деп короонун артына барып, өксүп-өксүп ыйлап жатты. Эшикке чыгып эле жоголуп кеткенинен улам Ашырбү артынан чыгып, эки жакты карады. "Бул бир балакетке учураган жокпу, балакет басып, боюна болуп калганынан улам ыйлагандыр, кайда кетип калды?" - деп тамды айланып барып, өксүп ыйлап жаткан Миразимди жонунан апчый тургузду.

- Эмне болду сага, сенде бир балээ бар, кокус алданып калган болбо, бас, үйгө кирип сүйлөшөлү.

- Таеже! - Миразим таежесин алая карады.

- Сен бирдеме болгон жоксуңбу дейм?

- Ал эмне, эмне болушум керек эле? - дагы да түшүнбөй карады кыз.

- Балдарга алданып калган жок белең дейм?!

- Таеже, мага ишенбейсиңби, мени ошондой деп ойлоого кантип дитиң барат, таеже? - Кыздын көздөрүнөн эрксиз жаштар мөлт-мөлт эте томолонуп кетти. - Бул дүйнөдө бир гана ишенээрим, жөлөнөөр жөлөгүм сенсиң го, ушу сени мага ишенимиң жок болсо мен неге жашап жүрөм? - деп колун булкуп алды да, жүгүрүп үйгө кирди. Кийим-кечесин чогултуп салыштырып да, ыйлап да жатты. "Эгер күйөөң ушинтти десем ишенмек эмес экен да, кайра өзүмдү күнөөлөмөк тура. Мунун ишенгени ушул болсо жашай берсин, мен үйдөн кетем, баарынан көңүлүм калды, жек көрөм баарын", - деп солкулдап чемоданды көтөрүп чыгып баратканда босогодон Ашырбү экөө беттеше түштү:

- Сен кайда?

- Кетем!

- Кайда барасың?

- Баш оогон жакка.

- Эсиң менен бол, Мира, бир тууганымдын арбагын мага каршы койбо! - деп Ашырбү анын колундагы чемоданды тартып алмак болду.

- Сага тигил гана керек, менин эмне керегим бар, менден шек санаган адамга ишенип, бул үйдө жүрө албайм! - деп Миразим чемоданды өзүнө тартты. Экөө ошентип тартышып жатканда Медеттин кыйыр тууганы Чолпонбай кирип келди. Ашырбү менен Миразим бири-бирин карап туруп калышты.

- Силерге эмне болду? - Ал экөөнү алмак-салмак карады.

- Эч нерсе, кириңиз, - деди Ашырбү жол бошото, Миразим чемоданын көтөрө кирип кетти.

- Мен сага келгемин, Ашырбү, Мира чоңойду, Медеттин бир аманаты бар эле, эми ошону кайтараар кез келди, - дегенде Мамбет кулагын түрө калды, ичте Миразим да угуп турган. - Медет өлөөрдөн азыраак мурун мага бир жылкы, бир уюн берген, ал өзүнүн өлөөрүн билиптир. Эгерде аялым күйөөгө тийип кетсе кызым кор болуп калат, Миразим чоңойгондо ошонун жок дегенде башын берсең болду, окуп калса кереги тийээр деди эле, бейиши болгур, - Чолпонбай жер карай бир азга отурду да: - Ошону эмне кылайын? - деди Ашырбүгө карап.

- Мен… мен билбейм, өзү билсинчи.

- Кереги жок, алып келбеңиз, бул үйдө пайдасы жок адам аны эмеле сатып, өз керегине жаратып койот. Ушунча каткан экенсиз, дагы бир жыл багып туруңуз, мен тогузду бүтсөм окууга тапшырам, - деп Миразим чыга келди. - Мен өзүм чече турган болсом ошондой, бул үйдө өзүмдү ашыкча сезип баратам, - дегенде Ашырбү аны карап калды, бирок кыз таежесин карабай туруп, мисирейе сүйлөй берди. - Таеже, адамдай адамга тийсең мен ыраазы болмокмун, ашка жүк, башка жүктү, аялы, бала-чакасы карабаган, тажагандан чыгарып салган немени киргизип алганыңа нааразымын!

- Мира!

- Болду, таеже, жетишет! - деп кайра ичке кирип кетти. Ашырбү жер карай ыңгайсыздана отуруп калды.

Бирок Чолпонбай катылуу акча жөнүндө айтпады, Медет жакшы тапкан бакыл адам эле, бир уй, бир жылкыдан башка дагы жыйырма миң сом бекиттирген болчу. "Айтпасам кайдан билет эле", - деп жүргөн, бирок акыркы убакта Медет түшүнө кайра-кайра кирип: "Менин аманатымды аткар, мен сага ишендим, кызыма бер, кызыма бер", - деп кайталаганынан улам келген болчу. Бул саам акча жөнүндө ооз ачпады.

- Кой анда, Мира, мени менен жүрчү үйгө, - деди Чолпонбай.

- Бара бериңиз, артыңыздан барып калам.

- Макул, - деп Чолпонбай эшикке чыкты, анын артынан көп узабай кыз жөнөдү. Ашырбү үнсүз бозоруп отуруп калды. "Эмне деди, ашка жүк, башка жүк дедиби, бу кыз мени өлтүргөнү жүрөбү? Жок, ырас айтат, бала болсо дагы баарына акылы жетет. Ушунча жылдан бери мындан эки балалуу болдум, эмдигиче күбөлүгү жок, же никебиз жок. Мира бала болсо дагы туура айтты", - деп дел болуп отурганда Мамбет:

- Ушуну багам деп жаштыгыңды өткөрдүң, мунуңдун кылганын көрдүңбү, эки жылдан кийин бул сени кууп чыгат, - деди башын көтөрө.

- Дагы, дагы эмне айткың келип турат, ал туптуура айтты. Эр болуп эмне кылдың, бир кардыңды тойгузуп бекер аш, даяр төшөктө бекер аял менен жаткандан башка эмне иш жасадың, сен биз үчүн кимсиң?! - деди Ашырбү калтырай чыккан ызалуу үнү менен. - А ушул кезге чейин айтканымды аткардыңбы, бир түнөп кетчү аялдаймын сен үчүн?! Ушундай сөздү угуп да кантип уялбай угуп да кантип уялбай жатасың, билбейм!

- Ачууланбачы эми.

- Ачууланганым жок, тырмактай кыз алдында өз күнөөмдү жууй албасмын. Сен мени кол жоолуктай пайдаландың, балдарды никесиз төрөп өстүрүп жатам, сен ойлондуңбу? Кардыңдын тойгонуна курсант болуп жашап келе жатасың, кет дегенде ит да кетет, сен итче да жоксуң, уят, намысы жок, эптеп эркек аты бар бир макулуксуң!

- Койчу эми, сага ошол нике эле керекпи, бүгүн жанагы жетим козуну союп, нике кыйдыралы анда. - Мамбет мылжыя кытмыр күлдү.

- Эмне, сенин анда кандай акың бар, андай болсо башка таап кел!

- Үч-төрт жылдан бери менин дагы эмгегим өттү, багып жатам.

- Жаныңдан акча чыгарып, чөп сатып алдыңбы? - деп экөө айтышып жатты.

Бул учурда Миразим Чолпонбайдын үйүндө отурду. Аялы Чачыкей абдан жакшы аял эле, Миразимди мээримдүү карап:

- Келе гой, садага, окууларың жакшыбы? - деп сурады.

- Жакшы, чоң апа, окуп жатам.

- Кызым, - деди Чолпонбай, - сени көрүп-билип эле турабыз, өз бир тууганы деп, талашкан да жокпуз, таежеңден талашышка болбойт, кантсе да бир тууганы эмеспи апаңдын. Эми сен бир жылдан кийин окууга барам десең акчалай таап берем, азыр кийим-кечеге керектүү акча берейин.

- Кереги жок, сизде тура берсин.

- Өзүң бил, кокус турмушка чыксаң септи биз дайындап, өз колубуз менен алып барабыз, ушуну сага айтып коюум керек.

- Рахмат сиздерге.

- Таежеңдин күйөөсү сага жаман караса керек?

- Жок, баары жакшы, болгону өзүм жаман көрөм.

- Мейли анда, айтчуумду айттым, - деп аялына карады эле ал ички үйүнө кирип, акча алып чыкты. - Бул эки жүз сомду керегиңе жарата бер, кызым, мектепке керек болот, - деп колуна салды. - Жок дебе, мектепке көп акча керек, биздин балдар акча сурап эле жатышат го?

- Рахмат.

- Эчтеке эмес, бул менин аманатка кыянат кылбайын дегеним, адамдык, туугандык парзым, - деди Чолпонбай. Чачыкей дасторкон жайды, бир аздан кийин майы былкылдаган семиз эт менен бешбармак келди. - Мамбет, менин оюмча, өтө начар адам, таежең ага кайдан кабылды десең, бизде ага татыктуу бир киши бар эле, ошого алып берели деп жүргөнбүз…

- Өзү билет, - деди дале бир калыбынан өзгөрбөгөн Миразим.

- Туура, сен баласың, сенин бетке чаап ачык айтканың да аларга жакпайт чыгаар, өз болбогон соң аларга андай дебей жүр, кызым.

- Макул.

- Болду эми, тамакты ичели, бала да…

- Мындай акыл айта турган бирөө болбоду, бул өмүргө эмнеге келгенимди да билбейм, азап чегип көз жаш төгүү үчүнбү, же жалаң арман менен ыза-кордук үчүнбү, өзүм да билбейм. Ошол үйгө баргым да келбей калды…

- Капаланба, кагылайын, кудай багыңды ачып койсо көргөн азап-тозогуң бир күнчөлүк болбой унутулат да калат, - деп Чачыкей кыздын чачынан сылап, чекесинен өптү. - Сен көздүү мончоксуң, сендей кыздар жолдо калбайт, кейибе.

- Анда мен барайын.

- Отур, ботом, тамакты да жакшы жебедиң.

- Жедим, сабак окушум керек, жакында чейрек чыгат.

- Бара гой анда, келип турсаң, садага.

- Келип турам, - деп араң жылмайган кыз эшикке чыкты.

Ал келгенде Мамбет менен Ашырбү дагы эле айтышып жатыптыр, кирип бара албай каалганын түбүндө туруп калды.

- Ошонуңдун таза экенин дагы кудай билет, балдар ышкырып эшиктен кетпес болду. Сен кыз тарбиялай албайсың, жакшы аял болсоң өзүңө каршы турмак эмес. Ушунча жылдан бери багып келе жатасың, мээнетиңе түкүрүп дагы койбойт, сени сыйласа ошентет беле? Атасынан калган мал дейсиң, башка бирөө деле убайын көрүп жүргөн турбайбы, он жылдан бери уйу он торпок, жылкысы жок дегенде беш кулун тууду да, көрдүңбү сенден эмнени жашырган? - деп Мамбет Ашырбүнү кайрап жатты.

- Сенин ишиң болбосун, менин дагы ишим жок, ушул заманда сенден эмне өнмөк, өзүңдү багалбай, кара кекиртегиң үчүн ушул жерде жүрөсүң.

- Кара курсагым үчүн эмес, сени менен балдарым үчүн жүрөм.

- Ыкы, балдарым дейсиң, балдар үчүн бир чымчым талкан алып келдиңби? Бир туугандарың өлгөн итче да кабар алган жок го, болбосо бир келмек, кадырыңды кетирип, карандай башыңды калкалаганыңды дагы бир көргүсү жок, - деп Ашырбү кыйкыра баштады.

Миразим үйгө киргиси келбеди, "Байкуш таежем, ушунча дагы кем таалай болосуңбу, ушуну өзүң илээштирип алгансың да, эркек десе көзүңдөн учкан экен", - деп ойлуу эшикте жүрүп, үшүп кеткенде аргасыз үйгө кирди. Эшик ачылганда тигилер унчукпай калышты. Дал ошол түнү Мамбет өзүнүн арам оюн кантип ишке ашырууну таң атканча ойлоп чыкты. Кандай кылса дагы эч жыйынтык чыкпасына көзү жетип турду. "Кокус Ашырбүнү өлтүрүп койсомчу, анан тигинисин жайлап коюп, качып кетпей жан жокпу. Азыркы убакта мени кайсы тууганы издете коймок эле, издетиш үчүн акча төлөш керек, буларга кимдин ичи ачышат", - деген ойго токтолду, беш жашар баласы менен үч жашар кызын ойлогон да жок. Бир гана дегдегени жаш кызды кучагына кысып, ит кумарын кандыруу болуп турду. Таң аткандан кеч киргенче ойлогону ошол. Кечки тамакты ичип жатканда Миразимди сырттан бирөө чакырып калды, ал классташ кызы Элмира болчу. Китеп алып келиптир, экөө бир аз сүйлөшүп, сыртта туруп калышты. Миразим чыгып кетээри менен Ашырбүнү мыскылдай караган Мамбет:

- Ийи, эми эмне дейсиң, урматтуу жээниңдин таза экенине көзүң жеттиби, ушундай күүгүмдө ал жөн эле чыкты дейсиңби? - деп баягысын дагы баштады.

- Болду, ага тил тигизбе, баарын өзү чечет.

- Өзү чечет деп, аны канышадай көрөсүң го?

- Мира өз башына өзү ээ, аны өз жайына кой!

- Мындай кыздар айылдын бүт балдарын сугарганга жетишет.

- Оозуңа карап сүйлө, Мира андай эмес!

- Ох-хо, көрүнгөндөн калган жээниңди акактай таза деп жатасыңбы, керек болсо аның мага көзүн сүзүп жүрөт!

- Ка-алп, акмаксың сен! - деп Ашырбү тура калып, Мамбетти жакадан алаарда ал түртүп ийди эле, Ашырбү чалкасынан кетти, башы дубалга тийип, эси ооп калды. Эки баласы бакырып ийди, Мамбет аттап-буттап эшикке чыгып, Миразимдин бир кыз менен турганын көрдү.

- Эжең ооруп жатат, үйгө кирчи, - деди эле Элмира кошо кирди. Мамбет Миразимдин жалгыз кирбегенине жини кайнап, алардын артынан басты. - Баары сенин азабыңдан болду, качан болсо караңгы кирээри менен эшикке чыгып кетесиң. Бузулган кыздын азабы бир үй-бүлөгө зыянын тийгизет да, - деп атайын классташынын көзүнчө айтканда таежесин өйдө кылып жаткан Миразим кайрыла калып, көздөрүнөн заарын чачырата:

- Эмне дедиң, качан мен эшикте жүрөм, кана айтчы сөзүңдү кайра, мен сага киммин, айта бер ачыгыңды! - деди эле Мамбет тайсалдай түштү.

- Болду, эжеңди кара, өлүп кала электе, - деп сыртка чыгып кетти.

- Таеже, сага эмне болду? - деп кыз Ашырбүнүн башын жөлөй, ал көзүн ачаары менен сурап жиберди. - Тиги аңгиң сенин башыңды жарган го?

- Миразим, эмне болду мага? - деп кыңылдады Ашырбү, чекеси томуя канталап чыгыптыр. Миразим менен Элмира экөөлөп аны төшөккө жаткырып, чекесине муздак суу басышты.

- Мен кете берейинчи, Мира, - деди Элмира көптөн кийин.

- Токтой турчу, ишенсең бул үйдөн өзүм да коркуп калдым, эптеп тогузунчуну бүтсөм кетет элем, - деди Миразим муңая. Ашырбү көптө барып эсине келди, Миразим Камчы менен Аселге чай берип, Элмира экөө сүйлөшүп отурган.

- Мира, жездең кайда кеткен?

- Ошону кулагыма угузбачы, таеже, көргүм да келбейт!

- Деги кайда кетти? Чакырчы.

- Өзү келет, таеже, мен Элмиранын үйүнө барып жатам, ошону үйдөн көргүм келбейт.

- Эмнеге?

- Билбей каласың да, таеже, кантип ошону жезде деп айтам, айтсаң өзүң, анын айткан сөздөрү эсимден кетпейт!

- Башкача оюң болуп жүрбөсүн?

- Кандай?

- Бар, барсаң бара бер, - деди терс бурула. Ал Мамбеттин: "мага көзүн сүзүп жүрөт", - деген сөзүн эстеп, кызгангандай болуп кетти. "Кантип эле ошентсин, тиги кыздын көзүнчө унчукпайын, эртең эле жайылып кетет, өзүнчө сүйлөшөм", - деп ойлонуп жатып калды. Кыздар кеткенден кийин Мамбет үйгө кирди:

- Тигиниң дагы кеттиби?

- Сүйлөбөчү.

- Аа-а байкуш десе, маңыроосуң да, менден башка болгондо аны менен жатып алмак, сени сыйлап гана жүрөм, аныңдын бузулганы көзүнөн эле көрүнүп турбайбы? - деп кайра баштаганда Ашырбү ызасына чыдабай бакырып жиберди:

- Сен менин шорума гана жолуккан экенсиң, адам эмессиң сен, уят деген таптакыр жок акмаксың, кызыңдай немеге мынча асылып калдың, кет десе укпайсың, деги мени өлтүрүп салчы, тажадым сенден!

- Сен өз ажалыңдан эле өл, сени өлтүрөм деп түрмөгө түшкүдөй алым жок, - деп төргө жантыгынан жатып алды. Ашырбү аны жаман көзү менен бир карады да, ушуга корогон кайран сөз дегендей үшкүрүнө унчукпай калды. "Бир жолу да балдарын бооруна тартып, жүзүнөн өөп койбогон, кызы төрөлгөндө дагы кубанып койбоду. Бирин алдына алып отурбайт, Камчы да ага кайдыгер адамдай жакындабайт. Демек, бул акмактын башка ою болсо керек, балким бул өзү ага көз агытып жүргөн болсочу? Кичинесинен эле асылып, мага жаман көргөзгүсү келет. Кой, мунун мага жамандыктан башка жакшы ою жок экен", - деп эртеси эле сотко бермек болду. Ал күнү балдары менен жатып алды. Мамбеттин карды ачпы-токпу, ойлогусу келбеди. Эртең менен Миразим эрте келип, окуусуна жөнөп жатканда Ашырбү:

- Мира, бүгүн окууга барба, экөөбүз бир жакка барабыз, - деди.

- Таеже, чейрек чыгып жатат, барбай калсам болбойт да.

- Эчтеке болбойт, эжекеңе өзүм түшүндүрөм.

- Ошончо маанилүүбү?

- Ооба.

- Жарайт, - деп чай коюп, үй жыйнап кирди.

Мамбетти кишисиңби, же итсиңби деп да коюшкан жок.

- Кайда барасың? - деди ал ыңгайсыздана.

- Сага менин эмне кылганымдын тиешеси канча? - Ашырбү ушинтип акшыя карап койгондо ага ичинен кекенип жатты.

- Сен менин аялымсың.

- "Аялы-ым".. кандайча аялың, сен мени качан кастарлап аялдыкка алдың эле, балдарым деп ушуларды бир карадың беле?! - деп Ашырбү көз жашка мууна түштү.

- Таеже, муну канчадан бери айтып келе жатасың, урушпай чайды тыңыраак ичип алалычы? - деп Миразим жини келе сүйлөдү.

- Кийин, балдарды кийинт, мен кошуналарга үйдү дайындайын, - деп таежеси эшикке чыкканда Мамбет кошо чыкты.

- Балдар менен Мираны үйгө эле калтырып кой да.

- Эмнеге?

- Жөн эле, сени менен мен барайын.

- Болбойт. Мен дегендей сен мага эч ким эмессиң! - деди да, коңшунукуна кирип, үйүн дайындап коюп, тез келип калды. Мамбет эмне кылаарын билбей: "Бу катындын эмне ою бар деги, кайда барат, балким менин үстүмдөн арыз жазганы жүргөндүр", - деп түрмө көз алдына келгенде төбө чачы тик туруп, бүткөн бою дүр эте түштү. Аңгыча Ашырбү Миразим экөө үйдү беките салып, эки баланы ээрчитип чыгып кетишти. Мамбет алардын артынан акмалап жүрүп отурду, качан гана милиция бөлүмүнө келгенин көргөндө коркуп качып жөнөдү. Ашырбү арыз жазды. "Менин арыз берүүмдүн себеби Мамбет деген киши менин жашоомдо алты жылдан бери аралашып жашап жүргөн. Канчалык кет десем да болбой, уруп согот. Никесиз эки балам бар, ата катары балдарыма эч нерсе жасаган жок. Кечээ күнү уруша кетип, башымды жарды. Эгерде мыйзам бар экени чын болсо, алсыз аялдын айласын кетирген (фамилиясын билбейм) Мамбетти жаран катары жазасын берсеңиздер экен, өтүнөөрүм Мамбеттин балдарына күбөлүк бергенине жардам бериңиздер. Менин бир тууган эжемдин кызы эжем өлгөндөн бери колумда, ошого да күн көргөзбөй тынчыбызды кетирди. Жалгыз бой аял, караары жок жетим балдар катары укугубузду коргоп берсеңиздер. Арыз ээси Сарыкожоева Ашырбү, ...", - деп кол коюп, чыгып кетти. Үйүнө келсе Мамбет жок, эки жагын карап, үйгө киришти. Ошондон эки күн өткөндө Ашырбүнү бөлүмгө чакырышты.

- Сиз ал адам менен качантан бери тааныш элеңиз?

- Алты жыл мурда, мен жалгыз бой болчумун, эже-жездем өлгөндөн кийин алардын кызын карап жашап жүргөмүн, аялым жок деп эле кирип келди…

- Анан жашап калдыңызбы?

- Ооба,, башы бош экен деп ишенгем.

- Үй-бүлөсү бар экенин качан билдиңиз?

- Боюмда бар кезде.

- Ошол бойдон жашап жүрдүбү сиз менен?

- Жок, келип-кетип эле жүргөн, келгенде киргизбей далай кубаласам да, болбой койду.

- Эмне, сизди сүйүп калыптырбы?

- Андай деп шакабалоого кантип дитиңиз барды? - Ашырбү ызалуу кайрылды.

- Бизге ийне-жибине чейин керек.

- Анда ошол, кийинки келгенде кийим-кечесин алып келди.

- Ишендиңиз анан.

- Ооба, келгенден кийин нике кыйдыр десем да болгон жок, ошентип эки балалуу болдум, же никелебесе, өмүр бою аны карап жашай албайм. Сиңдимди да жаман көрүп, өч болуп калды, бир жаманчылык кылабы деп коркомун, ошону үчүн урушуп, мына башым жарылды, - деп Ашырбү ыйлап ийди. - Дегеле үйүмө жолобос кылып бергилечи.

- Ал баарына жооп берүүгө тийиш, балдарына өз атын бербесе, мыйзамдуу түрдө сиз менен никеге турбай адам укугун тебелеп-тепсегени үчүн, алсыз жетим-жесирди басынтып, өктөмдүк кылып кирип алганы үчүн да жооп берет, эже, кам санабаңыз, - деди милиционер. - Эми бара бериңиз.

- Рахмат, иним, - деп Ашырбү көз жашын аарчый кабинеттен чыгып кетти. Көңүлү тына түштү. "Эмнеси болсо да алыс кетсинчи, Мира чоңоюп калды, ага зыяны тийип жүрбөсүн", - деп ойлонуп үйүнө келди. Миразим балдарды ойнотуп жаткан.

- Таеже, эмне болду?

- Иш жайында, буйруса эми келбейт.

- Ошентсинчи, эжекебайым, көз карашы жаман ошонун.

- Жерге кирсин, жалгыз болсом караан-бутак болобу дебедимби, же эр болуп жыргатпады, - деп муңая чарчагандай отура кетти. Миразим абдан кубанды, балалык сезими менен жашоодо күтүлбөстүктөр болуп кетээрин билген жок.

Бул кезде Мамбет үйүнө барса, аялы киргизбей койду. Анан зээни кейип арак достору менен отуруп:

- Мен силерге бир сонун кыз көрсөтөм, ажайып сулуулугун көрсөңөр эсиңерден танасыңар, бир ыгын келтирип силерди ал чүрөккө алып барам, - деди бакылдай.

- Ал кайда экен?

- Бир жерде.

- Ичкенибиз арак болсо, андай чүрөктөн айланабызбы? - деди бири. - Жай турмушта жашай албаган бир селсаякпыз.

- Ой кокуй күн десе, күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин дегенди билесиңби? - деп Мамбет бапылдай берди. - Ал кызды силерге мен салып берем!

- Балээден алыс болсок болду, зорго күн көрүп жүргөндө, - деди бири колдурай. - Үй-жайдан безип, киши сапатыбыздан кетип, зорго жүргөндө бир кырсык болуп өлбөйлү.

- Качан көрөбүз ал сулууну? - деди бири алды-артын ойлобой эле.

- Болжолу келсин, мен жүр дегенде барсаңар жыргайсыңар, - деди Мамбет.

Ал оюнда убакыт өткөрүп, баары унутула баштаганда Ашырбүнүкүнө түн жамынып барып, бир кумардан чыгып, кызды башкаларга салып берип, өч алгысы келип турду. Бирок турмуштун оош-кыйышы, тагдырдын табышмагы аны алып барып, акыры түрмөгө тыгаарын азырынча сезбеди. Арадан бир ай өткөндө Мамбетти арыз боюнча кармап, камап салышты. Туугандары арага түшүп жатып, Ашырбүгө келип, анын балдарына мал бөлдүрүп беришти, күбөлүк алып бермек болушту. Ошентип ага арызын алдырып, Мамбетти бошотуп алышты. Эми ал эч жакка чыгалбай калды, сыртка чыкса да жакындары кадам бастырбай кайтарып турушат. Ашырбүнүн көңүлү тынып: "Каматканда эмне, туугандары дагы бар болот, жалгызсыратпай калат. Балдарыма берген малын өздөрүнө өстүрүп, келечегине кам көрөм, бактылуу эне болом. Жалгыз бой аялдар толуп жатпайбы, ошолордун биримин, балдарымды адам кылып тарбиялайм", - деп ойлоп отурганда сырттан Миразим келди:

- Таеже, үйдөсүңбү?

- Ооба, эмне болду?

- Сен мага таарынган жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Мамбеттин кеткенине мен күнөөлүүмүнбү деп ойлойм да…

- Унут, андай сөздү айтпай жүр.

- Кечир, таеже…

- Сабагың жакшы болуп жатабы?

- Баары жакшы, таеже, буйруса эмдиги чейректе дагы беш чыгам.

- Ошент, өзүңдү-өзүң жакшылап кара, садагам, кызымдай эле болуп калдың.

- Мен дагы сени апамдай көрөм, апам эсиме түшкөндө сен турасың оюмда, таеже, - деп Миразим эркелей анын тизесине башын койду. - Апакем, апам эми сенсиң…

- Садага кетейин десе, капаланба мындан ары, мен сенин ата-энеңдин ордун баса албасам да, аракет кылам.

- Ишенем, таеже, мен сага гана ишенем. - Алар ошентип боорлошуп турганда Камчы эшиктен кирди:

- Апа, нан жейм.

- Алып жей кой, балам, чай ичкиле, Асел кана?

- Ойноп жүрөт, чакырайынбы?

- Чакыр, балам, чогуу түштөнөлү, - деп Миразим экөө дасторкон жайып, балдары менен чогуу чай ичип отурду, бактылуу болуп отурду. Бирок аларды алдыда дагы бир үрөйдү учурган каргашалуу окуя күтүп турганын сезишкен жок. Болгону эми бардык азап артта калды, буйруса өзүбүзчө колдон келген аракет менен бактылуу болсок деп гана ойлоп калышкан эле. Ошондон эки күн өтпөй түн бир оокумда сырткы эшик катуу кагылды. Ашырбү Миразимди ойготту, экөө бүжүрөй оозгу бөлмөгө келишти.

- Ким? - деди Ашырбү.

- Мен эле, Ашырбү, ачып койчу, сүйлөшөйүн дегем, - деди Мамбет.

- Сүйлөшсөң эртең күндүз кел.

- Жок, сүйлөшүп эле кайра кетем, ач эшикти! - деп Мамбет өктөм сүйлөдү.

- Ачпайм, эртең кел.

- Эмне, ойношуң барбы?

- Оозуңа карап сүйлө.

- Оозума караймбы, карбаймбы менин ишим, ачпасаң талкалап да ачам, ачып кой дейм, Ашырбү!

- Сындырсаң соттолосуң, бул жолу такыр кечирбейм, жакшылыкча кетип кал! - Ашырбү дагы жиндене бакырды. Ошол убакта Миразимдин башына бир ой келип, өзү жаткан бөлмөнүн айнегин алып, терезеден сыртка ашып баратканда эшик карс эте сынып, ачылып кетти. Шашкан Миразим айнек бекиткен мыкка бутун тилдирип алды, жерге көмөлөнүп түшүп, коңшунун үйүнө жетти. Каалгасын каккылап:

- Жардам, жардам бериңиздер! - деп ыйлап турду. Коңшусу Итибай баласы экөө калган коңшуларды ойготуп келгиче Мамбет Ашырбүнү эшик ачылаары менен түртүп ийип, Миразимди бөлмөсүнөн таппай калды.

- Эй жалап, сиңдиң кайда, жалап сиңдиңди кайда качырдың?! - деп келип муунтуп, туш келди койгулап жатканда он чакты адам чогулуп келип калышты. Бири милицияга чуркап кеткен. Мамбет ого бетер жини кайнап, Ашырбүнү башка бир муштады. - Дагы да менден кутулам деп ойлобо! - деп үйдөн качып баратканда эл аны көптөп ургулап кармап калышты. Аңгыча участковый жигит жетип келип, колуна кишен салып, үйгө кирди. Ашырбү кире бериште эси ооп жаткан экен, эки баласы ыйлап эки жагында. Элдин аларга боору ооруп, Мамбетти каргап-шилеп, кээси жини менен бир муштап калды. Ашырбүнү болсо көтөрүп барып, төшөккө жаткызгандан кийин, бир-экөө доктур чакырганы кетти, калганы келинди тегеректеп отурушту. Миразимдин жоон саны да шишип калган, ага дары сыйпап карап жатканда врач келди. Ашырбүнүн башына тийген сокку оңой менен эсине келтирмек эмес, укол сайды да, райондук ооруканага алып барбаса болбой турганын айтып, түндөп ооруканага алып кетти. Миразим балдарды карап үйдө калды, коңшулары ал түнү жанында отурушту:

- Тилеги каткан кандай шүмшүк эле, ушу байкуштарга кастарын тигип калганын кара, мындай неме баладан айлансын.

- Ниети жаман экен да, бул жөн жүргөн эмес.

- Капырай, буларга эмнеге мынча өчөштү экен?

- Ниети куурасын, Ашырбү жакшы болуп кетсе экен эми.

- Ошону айтсаң, деги Мамбетке эми түрмөдөн башка эсебин берээр жаза жок.

- Туугандары канчага чыдайт дейсиң, жашы элүүгө чыгып калган неменин акылы жок да, - дешип ар кайсыны айтып жатышты. Таң атканда гана баары үй-үйлөрүнө кетип, Миразим көзүнүн жашын көлдөтүп отурганда Камчы:

- Эже, апам каякка кетти, сен эмнеге ыйлап жатасың? - деди болбурай.

- Апаң келет, алтыным, келип калат, - деп үй ичин жыйнаштырайын деп тура калганда буту ачышып кетип, зорго турду. Ошентип дагы бир азапты баштан өткөргөн кыздын көздөрү муңга толуп, ууртунда күлкүнүн изи калбай мисирейип баратты. Адамдардан көңүлү калып, басса-турса көз жашы айдай жүзүнөн кетпей калды. Ашырбү үч күн дегенде зорго эсине келип, дароо эле Миразимди сурады:

- Мен кайдамын, Мира кана? Балдарым эмне болду?

- Тынчтаныңыз, алар үйүңүздө.

- Мен кетишим керек, биерде туралбайм, - деп тура калаарда көзү караңгылап, башы тегеренип, кайра жатып калды. - Мага эмне болгон, көзүм капкара болуп, эчтеке көрүнбөй калды да?

- Тынч жатыңыз, башыңыздан катуу жаракат алгансыз, кара куштан, кулак түбүнөн.

- Эмне, көрбөй каламбы анан?

- Жок, көрөсүз, эже, мен врачты чакырайын, тынч жата туруңуз.

- Кудай ай, эми кандай күн көрөм? - деп Ашырбү ыйлап жатты. Ал үйдөгү жаш балдарын, Миразимди эстеди, бирок башына эмне болгонун эстей албай жатты. Бир аздан кийин врач кирди:

- Алыңыз кандай?

- Жакшы.

- Турганга али эрте, сиз катуу жаракат алдыңыз, кыймылдабашыңыз керек.

- Менин балдарым жаш, аларды караса чоң кызым окуусунан калат.

- Айла жок, жакшылап дарыланышыңыз керек, үч күндөн бери берилген уколдордун баасы көп болуп кетти, бир тобу жардамга келгенден болсо да негизгилерин төлөө керек, - деди врач жанына отуруп.

- Менин көзүм эч нерсе көрбөй жатат.

- Коркпоңуз, баары өтүп кетет.

- Көзүм көрбөй калса не болот? - Ашырбү ыйлап ийди.

- Баары акырындык менен ордуна келет, сиз эч кам санабаңыз, - деди врач аны жубата.

Ошол кезде участковый кирди:

- Саламатсызбы, оорулуу менен сүйлөшүүгө болобу?

- Болот, бирок ашыкча, көп суроо бергенге али эрте, оорулуунун абалы оор…

- Жарайт, бир-эки гана суроо.

- Макул, мен силерди жалгыз калтырайын, - деп врач чыгып кетти.

- Сиз ошол күнкү окуяны тизмектеп айта аласызбы?

- Жок, эстегим да келбейт, - деди Ашырбү терс бурула.

- Биз Мамбетти камаганбыз.

- Эмне, ал камалдыбы? - Ашырбү башын көтөрүп баратып, - ий, - деп жиберди.

- Козголбоңуз, балдарыңызды чоң кызыңыз карап жатат, баары жакшы.

- Аны эми өзүмө бергиле, мен жазалайм!

- Мыйзам боюнча жазаланат, кайсы убакта келди, эмне деп айтты?

- Ал, - деди Ашырбү ойлуу. - Башкасынан мурун менин денсоолугумду ордуна келтирүү анын колунан келмек беле, көзүм көрбөй калды…

- Макул, эже, эртең келейин, арызыңызды даярдап коюңуз.

- Ии-ийи, - деп койду Ашырбү, участковый коштошуп чыгып кетти. Ашырбү ыйлап жатты. "Неге ал мага жалаң жамандык тилеп туруп алды, балким чын эле ал Мирага көзүн тигип жүргөндүр, ошол үчүн түндөп келип жаткандыр? Каргыш тийсин сага, Мамбет, өмүрүмдү гүлгө айланткандын ордуна күйүк чычалага айланттың, мен сени эр кылып алам деп балалуу болдум, балдарым үчүн кечирдим. Ошолор үчүн сени өз койнума кайра тарттым, менин аялдык сезимимди бийледиң, ишеничимди аткара албадың, шүмшүк", - деп ойлонуп жата берди.

Миразимдин ал-абалын угуп билген Чолпонбай менен Чачыкей эки бала менен окуусуна бара албай калган кызга боору ооруп, мал-салы менен үйүнө алып кетти. Балдарды Чачыкейге калтырып, Миразим сабакка бара баштады. Ал сабактан келгенден кийин Чачыкейге:

- Чоң апа, таежемди көрүп келсем болобу? Ага бара турган эч ким жок, - деди.

- Бара гой, барбай анан, тамак жасап берем, эртең сабактан келгиче даярдап койойун, бүгүн кеч болуп калды.

- Макул, эртең сабакка барбай эле таежеме барып келейинчи?

- Мейли, садага, барсаң барып кел, - деп Чачыкей Миразимди мээрим толгон көзү менен карады. - Ал бечара кантип калды экен?

- Мен ошол бойдон бара элекмин.

- Сакайып кетсин, бечара… - деп Чачыкей ордунан турду. Миразим ага өз энесиндей карап, жардам берип, көп жумушун колго алды. Тири карак, илбериңки кыз аларга аябай жагып, бир күнү Чолпонбай менен Чачыкей сүйлөшүп отурду.

- Мира абдан жакшы кыз болуптур, кишиге жасаган мамилеси, айттырбай түшүнгөнү, илбериңкилиги, - деди Чачыкей.

- Бечара-а, ата-энесинен эрте калып, көрбөгөнү калбады.

- Ошондо биз эле багып алалы десе, сен болбой койбодуңбу?

- Багаар-көрөөрү болбосо бир жөн, таежесинен кантип тартып алат элек, ошондо эле бизге бере коймокпу?

- Ошентсе да алып алсак болмок экен, өтө ойлуу, санаалуу болуп калыптыр, эми багы жакшы болсо экен бечаранын. Өзү да элтең-селтеңи жок, муңайым кыз болуптур, мындай кыздар балдар менен сүйлөшүп, тырактап көчөдө жүрбөйбү?

- Ошондой болсун, ата-энеси болбосо, тартиби жаман болсо, анан келечеги кандай болот эле. Эси бар кыздын, аман болсун, мунун бактылуу болушу үчүн биз кам көрбөсөк болбойт, кемпир. Баягы менин Марипа эжемдин балдарынын баары чоң бизнесмен болгон. Неберелери бар, мен аларды конокко чакырайын, кокус аларга кыз жагып калса жок дебей бериш керек. Колдорунда бар эмеспи, кор кылбайт.

- Туура айтасың, биз буга кам көрөлү, алар абдан бай, - деп сүйлөшүп жаткан эрди-аял эшик ачылганынан улам токтоп калышты. Бул Миразим эле, мектепке барып жооп сурап келген. - Келдиңби, кызым?

- Келдим, чоң апа.

- Анда тамак даяр, барып эрте келип кал, кызым.

- Макул, - деп кийимдерин алмаштырып алып, даяр тамакты көтөрүп ооруканага жөнөдү. Районго кетчү жолдон унаа күтүп турса, ары жактан бир жигит көзүн албай кызды теше тиктеп тура берди. Аны байкаган Миразим ары жылып кетти.

- Чоң кыз, таанышып албайлыбы? - деп жанагы жигит жакындай келди.

- Таанышууга чамам жок.

- Эмнеге?

- Мен али окуучумун.

- Эмне экен, азыр биздин заман, жыйырма биринчи кылымдын жаштары эркин болуш керек, чоң кыз. Менин атым Шамбет, аскерден жаңы эле келдим, - деп Шамбет жылмая кол сунду. - Таанышууга ынтызармын!

- Менин таанышкым келбейт.

- Суранам.

- Миразим. - Оозу бош үн каты кыз. Негедир бул жигит ага тааныштай сезилип, өзү дагы ага тартылып турганы менен өзүн токтоо кармап, - Ошончолук ынтызарлык кылгандай кыздарды бүт билесизби? - деди жолду тиктей.

- Атыңызга затыңыз жарашкан керемет жан экенсиз. - Кыз колун бербей койгондо Шамбет ыңгайсыздана сунган колун акырын түшүрүп, чөнтөгүнө салды. - Кайсы мектепте окуйсуз?

- Чапаевде.

- Ошондой, биздин мектепте окусаңыз билет элем.

- Көңүл бөлгөнүңүзгө чоң рахмат, - деп келип калган унаага түшүп кетти кыз.

Шамбет кала берди, бул Мамбеттин улуу баласы болчу. Ошентип тагдырдын табышмактуу сыры келип-келип, экөөнү тааныштырып койду. Бул эки жаш ортодогу окуяны билген кезде кандай абалда калат, мамилелери бара-бара эч нерседен кайра тартпас ак сүйүүгө айланган кезде гана билинип, кандай азап тартышаарын али билишпеди. Шамбет бул жал-жал көз кызды көргөндөн баштап өзүнө гана энчилүүдөй жүрөгүнөн сүйүп калганын азыр анча сезбегени менен, аны көз алдынан кетире албай толкунданып үйүнө жөнөдү. Миразим ооруканага келип, Ашырбүнүн палатасын сурап таап, кирип эле кучактап ыйлап ийди.

- Болду, садага, өзүңөр кантип жатасыңар? - деди Ашырбү.

- Чоң атамдар үйүнө алып кеткен.

- Кудай жалгасын аларды, антпесе жалгыз жаш балдар менен кантип жатат деп, көөнүм тынчыбай жатты эле…

- Өзүң кандай, таеже, жакшы болуп калдыңбы?

- Дурус, бирок көзүм көрбөй калды…

- Эмнеге? - Миразим чочуп кетти, көздөрү ачык туруп, көрбөй калат деген балалык сезимине келбесе керек

- Акырындык менен көрөт дешет.

- Эмнеге көрбөй калат, көзүңдү текшерип жатабы?

- Жок, баштын запкысынан дейт, көрүп кетесиң, коркпо деп жатат.

- Ошентсе экен, - деп тамагын куюп берип, жанында отурду.

- Сен эми бара бер, балдарды жаман көрүп жүрбөсүн, бейбаштык жасаган жокпу Камчы?

- Жок, эч ээнбаштык кылган жок, бопоюп эле жүрөт.

- Мен дагы көпкө жатат окшойм, эптеп карап тур, бара гой, садага.

- Макул, кеттим, таеже.

- Чоң апаңдарга менден ыраазылык билдирип кой ээ, Мира, баса, дарыга кеткен чыгымды төлө деп жатышат.

- Мал саталыбы?

- Чоң атаңа айтчы, менин өзүмө тиешелүү Камчыга деп берген торпокту сатып берсин.

- Макул, айтам, - деди да, коштошуп чыгып кетти. Миразим жолдо келатып, катуу ойлонду. "Эмнеге көзү көрбөй калды, ушул бойдон калса эмне болот, кудай ай, деги бул зөөкүр бизге кандай эле каршыгып калды десең? Эртең милицияга барам дагы, таежемдин дарыланган чыгымын төлөп берсин деп айтамын, ушул жолу аны сөзсүз каматыш керек", - деген чечимге келди. Убакыт өтүп, Ашырбү ооруканадан чыгып келди, бирок көзү бүдөмүктөп жакшы көрбөй, ишке жарабай калды. Миразим жазгы каникулга чыгып, таежесине каралашат. Баары өз нугу менен өтүп жатты. Шамбет кээде келип калат, аны менен сүйлөшүп туруп: "Мен муну кайдан көрдүм эле? Качандыр бир кезде жолуккандай жүзү жылуу учурайт, бирок эч көргөн эмесмин. Эмнеге мындай көрүнүп жатат?" - деп ойлоно берчү. Дагы бир күнү ал кызгалдак гүлүн колуна барпыратып көтөрүп алып келиптир.

- Кандайсың, Миразим, акыбалың жакшыбы?

- Жакшы эле, өзүңүз?

- Баары жакшы, мен сага бир сөз айтайын дедим эле…

- Кандай сөз? - Кыз наздана көздөрүн жайнатып, аны карап калды.

- Билесиңби, мен… - Шамбет башын кашый туруп калды. - Мен сени көргөндөн бери…

- Айта бериңиз. - Кыз аны шоктоно карап, шаштырып турду. - Менин убактым аз, үйдө оорулуу адам бар.

- Мен… мен сени…

- Угуп жатам, - Миразим күлүмсүрөй: "Ооба, сенин мени сүйөөрүңдү билем, жүрөгүм сезет, бирок менин сүйүүгө азыр убактым да жок, сени мен дагы катуу сүйүп калуудан корком. Ошондуктан бул ыйык сөздү сенден угуп, аны өмүр бою жүрөгүмдүн тереңинде сактайм", - деп ойлуу тигилди.

- Мен сени сүйөм, Миразим!

- Чынбы?

- Ооба, чын айтам, Миразим, мен сени аябай сүйөм!

- Кызык экен…

- Эмнеси кызык, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм, сенчи? Сен сүйөсүңбү мени?

- Жок, сүйүү жөнүндө ойлонбоптурмун…

- Миразим, сен мектепти бүткөндө үйлөнөбүз, ага чейин сүйлөшүп жүрө беребиз, макулбу?

- Ойлонуп көрөйүн.

- Ойлонуп көр, мен баарын эчак ойлонуп койгомун.

- Болуптур, байкап көрөм, эми мен үйгө киремин, жакшы бар, - деди кыз жылмая.

- Бир аз тура турсаң, сенин алдагы музоонукундай жалжылдаган көздөрүңдү моокум кана карап тура бергим келет, - деп Шамбет кызды колунан кармай калды. - Бир аз гана, бир аз гана тура турчу!

- Убактым жок дедим го, анан дагы, мындан ары көп келбе, коңшулар көрсө кеп кылышат, - деген Миразим колун тартып алып, үйүнө жүгүрүп кирип кетти. Шамбет көпкө карап туруп, анан жолуна түштү. Миразимдин мойнуна бир үйдүн түйшүгү түшүп, баарын өзү жасачу болду. Ашырбү эптеп сыртка чыгып, кайра киргенден башка эч нерсеге жарабайт. Балдары менен кобурашып отура берет. Мамбет беш жылга камалып кетти, бул жолу ага туугандары жардам бербеди. "Өз колу менен жасаган кылмыштын жазасын өз мойну менен тартсын", - дешип тим коюшту. Миразим кийинки жылы тогузду бүтүп, окууга тапшырмак, Ашырбүнү таштай албай жатты. Ал кайра ооруканага жатып, врачтардын кароосунда болуп жатып, көзү бир аз көрүп, өзү кирип-чыгып калган. Миразим бир күнү:

- Таеже, шаардан үй алып, чогуу кетсек кантет? - деди ага.

- Үйлөр кымбат да, сатып алганга акчабыз жетеби?

- Чоң атамдагы малды саттырып алайын.

- Окууңа эмне төгөсүң?

- Анда он биринчи классты бүткөндө барайын.

- Ошондой кыл, менин да акыбалым дурус болуп калса…

- Таеже, беш жыл деген бат эле бүтөт, Мамбет эми келсе дагы бизге күн көрсөтпөй жүрбөсүн, биерден кетип калалы, окууга тапшырганда дароо кетишибиз керек.

- Макул, ага чейин көрөбүз, - деп сүйлөшүп жатышты. Миразим Чолпонбайга өз оюн айтып кеңешкенде ал баш ийкей укту да:

- Сен али жашсың кызым, ата-энеңдин ордун басаарга уул болсоң башка сөз эле, кыз баласың, бирок үй-жайыңды сатпа, тура берсин, - деди.

- Макул, бирок биерден кетпесек, ал киши бизди эми соо койбойт.

- Ошол курусун, адам эмес да, коркпой эле койгула, окууңду окуй бер, биз турбайлыбы, - деп көңүлүн тынчтандырды.

- Чоң ата, мен шаарга окуюн дедим эле…

- Биротоло мектепти бүтүп барганың дурус го?

- Анда макул, - деп Миразим кайра үйүнө келди. Убакыт кээде көңүлү жай адамга жылжып аккан булак сымал, бирде аркырап аккан дайрага окшош. Миразим эптеп жайкы каникулда таежеси менен балдарын карап убакыт өткөрүп, күз келгенде окуусуна бара баштады. Эми Шамбет мектепке келчү болду. Миразим келбе дегенине болбой ал келе берет. Классташтарынын ичинен Арзымат деген бала Миразимди жактырып жүрчү, ал Шамбет менен Миразимди көрүп калып, бир күнү сабакта отурганда:

- Миразим, жанагы жигитти кайдан таап алгансың? - деди жанына отуруп алып шыбырай.

- Эмне болуптур?

- Мен сени кызганам.

- Эмнеге?

- Мен сенин жигитиң болгум келет.

- Жинди, тамашаңды койчу, - деп Миразим аны китеп менен чаап, чычалап кетти. - Ал менин жигитим деле эмес.

- Анда эмнеге күндө келет?

- Келе бербейби.

- Сүйөсүңбү?

- Койчу, Арзымат, мага азыр сүйүүнү ким коюптур, адегенде окушум керек, анан көрөм.

- Сен бул түрүң менен эрте эле кетесиң го эрге?

- Сен жиниме тийдиң, Арзымат, - деп Миразим ызалана ыйлап ийе жаздаганда ал күлүп калды:

- Тамаша, ыйлабай эле кой.

- Жинди. - Таарына тултуюп отуруп калды.

- Миразим, эртең менин туулган күнүмө келесиңби?

- Шартым жок.

- Жанагы неме менен жолукканга убакыт табасың…

- Арзымат дейм!

- Болду, болду эми, айтпайм ээ?

- Сүйлөбөйм сага, - деп Миразим китеп окуп отуруп алды. Класста балдар жок болчу, батырап кирип келишкенде унчукпай калышты. Ошол күнү Арзымат анын китебин кармалап отуруп, ичине кат салып койду. Миразим үйүнө барганда китеп окуп жатып, арасынан катты таап алды. Таңгала окуп чыгып, бирэсе күлкүсү да келди, кат кыскача эле жазылган болчу. "Миразим, мен сени көптөн бери жактырып жүргөмүн. Сени али даяр эмес, кийин сүйлөшүп, сүйүүмдү айтам деп жүрсөм сенин жүрөгүңдү башка бирөө ээлеп алгандай. Чынымды айтсам, адеп көргөндө ишенген жокмун. Анын күндө келип, сени үйүңө чейин узатканы мени намысыма келтирди. Эгер сен аны сүйсөң айла жок, сүйбөсөң мен аны менен дуелге чыгууга дагы даярмын. Өзүм жактырып, багып жүргөн кызды чоочун жигиттин жандаганы жакпайт, сенден ачык жообун кат жүзүндө күтөм. Арзымат", - деп коюптур: "Жинди", - деп алды кыз. Анан катты айрып өрттөп салды, өзү ары ойлонуп, бери ойлонуп Шамбетти жакшы көрөөрүн сезди. "Менин сүйүүгө акым жок бекен, өзгөнү эмес, өз жүрөгүмдү угууга акым бар го", - деп ойлонуп алды. Ошентип кыз жүрөгүн ээлеген Шамбет дагы аны жан дили менен сүйүп калган. Ошондон кийин Арзымат кыздын жооп бербегенине жини келип, балдарды топтоп алып, Шамбет Миразимди күтүп турганда барып, тийишип калышты.

- Салам, дос, кимди күтүп турасың? - деди Арзымат керсейе.

- Мурдуңардын богун аарчып алып, анан сенсиребейсиңерби? - деди Шамбет ага ачуусу келе. - Мен силерге дос эмесмин!

- Мурдумдун богун аарчытып койдум беле сага? Биз эбак арылганбыз.

- Кайдан арыласың, аскерге барганда чууруганын ошондо көрөсүңөр, андан көрө, балдар, эмне айтаарыңар бар?

- Бул айланада эмне жумушуң бар? - деди кайра Арзымат.

- Мен силерге отчет беришим керекпи?

- Албетте, бул айылга келгениңдин себебин билгибиз келет, балким кыздарга келип жүрбө?

- Биринчиден силерден бир топ уулуумун, сен дебей кал, экинчиден мен кайда барам, кимге келем өзүм билем, балакайлар! - деди Шамбет аларга жогорудан карай.

- Ошондой эле геройсуңбу? - деди Марат дегени.

- Герой дегендин маанисин терең түшүнбөсөң айтпа, бу кайдан чыккан тартипсизсиңер? - дегенде бири аны ичке муштап ийсе болобу. Шамбет күтпөгөн соккуга делдейе оңолгуча Арзымат бутка бир тепти. Марат, Айбек болушуп төртөөлөп киргенде Шамбет айланып келип, үчөөнү үч жакка ыргытты, бирөөнү желкесинен алып, ары жакка түрткөнү калганда мектептен чыгып келаткан Миразим кыйкырып ийди.

- Шамбет! - деп жетип келди. - Эмне болду?

- Мени менен күч сынашмак экен мына булар, - деп тигилерди көргөздү.

- Эмне болду силерге, уят эмеспи? - Кыз Арзыматты жини келе карады.

- Болушканыңбы? - деп Арзымат буруя күбүнүп ордунан турду, беркилер дагы туруп, бири-бирин карап калышты.

- Кызга ошондой орой мамиле жасайсыңарбы?

- Ишиң болбосун, муну менен бүтпөйт, дагы жолугушабыз, - деп кекенип төртөө ары басып кетти.

- Эмне болуп кетти? - Миразим кайрадан Шамбеттен сурады. - Сени бул жерге келбе десем болбойсуң, балдар-кыздарга, ал тургай эжекелерге да жетип, тил угуп жатам. Кандай түшүнбөйсүң?

- Кечирип кой, мындан ары кечке маал үйүңө барып турам.

- Анда дагы уят болом, эмнеге мени аябайсың, мен али мектеп окуучусумун го?

- Кечир, Миразим, сени көрбөсөм тура албай калдым.

- Баары бир жол жок, сен мени түшүн, мындан ары келбе! - деп басып кетти Миразим.

- Миразим, токточу эми! - Шамбет артынан кыйкырып кала берди. Кыз үйүн көздөй жүгүрүп баратып, ичи ачышты, өзү да Шамбетти көргүсү, аны менен сүйлөшкүсү келе берээрин билчү. Эми таптакыр кайрылып келбечүдөй жүрөгү сыздап, бир топ жерге чейин жүгүрүп барды да, артын караса Шамбет жанагы ордунда дагы эле туруптур. Миразим жүгүрүп баратып, буулугуп ыйлагысы келди, короосуна жетээри менен ажатканага кирип алып, ыйлап жиберди. Эмнеге ыйлаганын өзү да билген жок, кыязы Шамбет менен бир аз сүйлөшө албай калганынан го. Аны өзү да билбеди, бирок эмитен жигит менен сүйлөшкөндөн тартынат.

Көпкө ыйлап басылып, анан үйгө кирди, Ашырбү төрдө жаткан. Миразимдин киргенин көрүп:

- Мира, балдар кайда жүрөт? - деди башын көтөрө.

- Билбейм, азыр карап келейин.

- Келе жатканыңда көрүнгөн жокпу?

- Жок, таеже, - дегени менен эки жакты байкабай эле кирип келгенин айткан жок. Сыртка чыкса экөө короонун эле четинде ойноп жүрүптүр, үйгө ээрчитип жөнөдү.

- Камчы, сен сабакка барган жоксуңбу?

- Баргым келбейт, - деди бырылдай Камчыбек, ал биринчи класска жаңы барган эле.

- Сабактан калсаң жаман бала болуп каласың да.

- Эртең барам ээ? - деди бала кайра жибий.

- Сөзсүз баргын, жакшы балдар окуудан калбайт.

- Мен жакшы баламын да, окууга барам, Асел жаман, ал окубайт, - деди карындашын түртүп.

- Ал сенин карындашың, сенден кичүү, жашы жеткенде ал дагы окуйт, экөөңөр апаңды багасыңарбы? - деп үйгө ээрчитип кирди.

- Кайда жүрөсүңөр ыя, же көзүм көрбөсө, үйдөн чыкпагыла десем болбой койдуңар го? - деп Ашырбү наалый өйдө болду.

- Ойноп жүрүшүптүр, окуудан кечикти, барбай коюптур.

- Эми кантейин, дейди атаңдын өзүн тартат окшойсуң.

- Ошону айтпай эле койчу, таеже, бала кайдан билсин, - деп Миразим өз ишине киришип, чай коюп, алардын кардын тойгузмак болуп жатты. Күнү кечке тыным албай, үй тиричилигин жасап, кечинде сабагын окуйт. Камчынын сабакка кийчү кийимин үтүктөп, ага сабак окутат. Убакыт өтө берди. Шамбеттин келбей калганы кызды ойго салды, сабакка да көңүл бурбай, өзү менен өзү. Арзымат болсо эки күндүн биринде кат жазып жооп күтөт, Миразим анын кийинки каттарын окубай эле тытып таштачу болгон. Ага жини келе берет, "Шамбетти капа кылып койдум, баары ушул үчүн, - деп бир ою айтса, - Эгер мени сүйгөнү чын болсо келмек, жалган экен да, мени сүйбөй эле эрмектеп жүргөн экен. Болду, мен аны унутам, кереги жок эч кимдин", - деп бир жагынан көңүлүндө аны күтүп жүрдү. Арадан бир ай өткөндө Камчы менен Аселди ойноп жүргөн жеринен үйгө алып келгени баратса, Шамбет алдынан чыкты. Кыз эмне дээрин билбей саамга туруп калды.

- Кандай, Мира? - деди ал жете келип.

- Жакшы.

- Окуулар кандай, ачууң тарадыбы?

- Баары жакшы.

- Мен сени көргүм келди, Миразим.

- Бекер кыласың, бойго жеткен кыздар толтура го…

- Көңүлүңө жакпаса, толтура болгону кайсы, мен сени гана жактырам, Мира, мен сени гана сүйөм! - деп Шамбет колунан аяр кармады.

- Койо берчи, бирөөлөр көрөт.

- Мира, сенден бир ооз сөз укмайын келе берем, эгерде жооп бербесең үйүңдүн алдынан кетпейм.

- Жок сөздү айтпачы, мен эмне дешим керек эле? - деген кыз бошонуп басып кетмек болгондо Шамбет:

- Сен дагы мени сүйүшүңдү каалайм, эгерде сүйөм десең мындан ары тынчыңды албай, мектепти бүтүп жатканда келем, - деди бура бастырбай.

- Сүйбөсөмчү? - Кыз наздуу жылмайды. Айлана иңир тартып калган, Камчы карындашы экөө балдар менен ойноп жүргөн.

- Мен сенин сүйөөрүңдү көздөрүңдөн көрүп турам, Мира, сүйөм деген бир эле сөздү айтып койчу, суранам.

- Жок, мен сүйүүнү али ойлоно элекмин.

- Суранам, Мира, сенин жоогазындай жалжылдаган элесиң, назик мүнөзүң, тал чыбыктай бой мүчөң карегимде туруп алды, мен сенсиз жашай албайм!

- Мен окумайынча эч кимди сүйбөйм.

- Анда мен келе берем, качан сенден жакшы жооп укканда гана сени тынч койом, - деп өзүнө тартканда Миразим жүрөгү лакылдай коркуп кетти.

- Шамбет!

- Сүйөсүңбү мени?

- Коркутасыңбы?

- Жо-жок. - Жигит тайсалдай түштү.

- Анда эмнеге сүйөм деп айт деп мени кыйнайсың? Мен ойлоноюн, балдарды алып кирбесем таежем урушат, - деп колун тартып, ары жүгүрдү. - Камчы, Асел, баскыла үйгө!

- Мира эже, баратам, - деп Асел жете келди. - Камчы болбой жатат.

- Азыр аны сабап кирем, сабагын окубай жүргөнүн кара, - деди эле Камчы дагы келип калды.

- Ойноп турайынчы?

- Болду, кеч болуп калбадыбы?

- Азыр өзүм барам, ойноп алайынчы, балдар ойноп жатат го?

- Апаң урушат, жүрү үйгө.

- Ой ата-а, ойноп алайын десе болушпайт, - деп Камчыбек эдиреңдей үйгө жүгүрдү. Аселди колунан жетелей Миразим артынан жөнөдү, Шамбет короонун оозуна чейин кошо келди.

- Жакшы бар.

- Мира, бир сөз сурайынбы?

- Сура.

- Таежең менен турасыңбы?

- Ооба.

- Аа-а, ата-энең башка жактабы?

- Алар эс алууга чыгып кеткен.

- Каякка?

- Тиякка, - деп Миразим сөөмөйүн көккө каратты.

- Кечирип койчу. - Шамбет уялып кетти. - Суроом орунсуз болуп калды.

- Эчтеке эмес, көнүп бүткөм, эмесе жакшы бар.

- Бир аз сүйлөшүп туралычы, караңгыда эч ким көрбөйт го?

- Таежем оорулуу, карашым керек.

- Макул эми, эртең дагы ушул маалда келем, жакшы түш көр, - деп Шамбет аргасыз артына бурулду. Кыз жүрөгү дирилдеп өзүнчө эле кубанып турду, жигиттин сөздөрү кулагына жаңырып, кара каш, кара көздүү келбети көз алдында. "Ооба, Шамбет, мен дагы сени сүйөм, бирок мектепти бүтө элекмин, азырынча сүйүү-күйүүнү ойлоого эрте. Кокус эл көрүп-билип калса, ушу жетим кызда кайсы тарбия болсун, акыл-эси жок дешип, кепке калам. Сен мени сүйсөң, мен дагы сени сүйөм, кечир мени, ушинтип өзүңө айта албаганым үчүн кечир", - деп дубалга жөлөнө көкүрөгүн басып, көзүн жумуп турду. Асел колунан тарткылаганда гана эсин жыйып, үйгө кирди. Тынчсызданып отурган Ашырбү:

- Эмнеге кечиктиңер? - деп сурады.

- Камчың ойнойм деп болбой туруп алды.

- Ыкы, өзүң бир бала менен сүйлөштүң го?

- Калп айтпачы! - Миразим Камчыга муштумун түйө эрдин кымтыды.

- Чын эле, Мира эжем бир бала менен сүйлөштү, - деп ага Асел кошумча болду.

- Ким ал, Мира?

- Классташым.

- Этият бол, садага, элге кеп-сөз болбогудай бол.

- Таеже, ал классташым эле, китеп сурап келиптир, менде ал китеп жок болчу, - деген Миразим эки бети кызара уялып турду. Эгерде Ашырбү даана көргөндө аны дароо сезмек, бүдөмүктөгөн көзү менен эч нерсе байкабады.

- Эмнеси болсо да сак бол.

- Койчу, таеже, - деп жактырбагандай эмелеги кубанычы сууй: "Ушинтишет да, мен кантип ээн-эркин сүйлөшө алмак элем, менден башка кыздар бирин таштап, бири менен сүйлөшүп жүрөт. Мен жетиммин, ошондуктан сөз мага гана тиет, аттиң ай, ата-энем болгондо мен деле ойноп-күлмөкмүн, каалаганым менен ойдогудай сүйлөшмөкмүн", - деп жүзү сумсая түштү. Андан кийин жасаган тамагын алып келди.

- Менин көзүм көрбөсө, балам, коруй албасам, этият бол, бири чын дилден, бири сынап сүйөм-күйөм деши мүмкүн. Ишенбе аларга азыр, адамдын ичин биле албайсың, сыртынан башкача көрүнө берет, ичи тазасы да, карасы да бирдей, - деп Ашырбү мелтирей отуруп калды. Миразим үндөгөн жок, бирок Шамбетке ал ишенип турду. "Шамбет андай эмес, ал мени чын жүрөгүнөн сүйөт, мен дагы аны сүйөм, аны менен бактылуу болом", - деп болочогун ойлоп кыялданып отурганда Ашырбү кайра сөзүн улады. - Эркектин жаманы жата калып эшек үркүтөт дегендей Мамбетти көрдүң го, ошого мен чоң эле аял ишенип, эмнени көрдүм, ушул балдарды ойлоп ага кайра эшик ачтым, тамагымдын алдын бердим, акыры минтип анын азабынан көр болуп отурам…

- Капаланбачы, таеже, доктур капаланба дебеди беле, дарыларын маал-маалы менен ичсең акырындык менен көрүп кетесиң дегенин укпадыңбы.

- Эми ушуга дурус, шүгүр дечи, бара-бара көрүп эле баратам, - деп үшкүрүнүп алды Ашырбү.

- Ага кудай көрсөтөт, - деп койду Миразим. Алдыда дагы ошол Мамбеттин айынан боздогон тайлактай кыш түнүндө кар кечип, аяздуу кечте кайыгып, жан-алакетке түшөөрүн жаш кыз сезбеди. Шамбет дагы азыр эч нерседен кабарсыз кызды сүйүп, түн уйкусунан безип, кээ-кээде жолугуп жүрдү. Бара-бара экөөнү кандай күч болсо да ажырата албасын түшүнүштү. Күндө эл уктаган кезде короонун четинен жолугуп, сүйлөшүшөт, же бир кептери бүтсөчү. Кайран жаштык десеңчи, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн курч жаштык кимди гана баатыр кылбайт. Бири-бирине ант беришкен эки жаш ошентип жайга чыкты. Миразим онунчу классты аяктады, каникул убагы. Бир күнү Миразимди Чолпонбай үйүнө чакырып алды.

- Үйгө коноктор келет, кызым, апаңа жардам берип кой.

- Макул, - деди кыз кыйылбастан. Алар коноктой турган адамдар атайын Миразимди көргөнү келишмек. Колунда бар, уулу шаарда окуган Айылчы аялы, баласы менен келди. Миразим шыпылдай кирип-чыгып, жумушун жасап жүрдү. Бактияр аны көрүп эле жактырып калды, ата-энесине да жакты. Тымызын сүйлөшүп, мектепти бүтөөрү менен сөйкө салып, кол менен алып кетмек болуп макулдашты алар. Кыз жүрөгү бош эмес экенин кайдан билишсин. Чолпонбай болсо бул менин туугандык милдетим, кыз бактылуу болсо арбак ыраазы болот деген ойдо болуп жатты, анткени Медет ушул кызын ооруп жүргөндө ага катуу дайындаган эле. Миразим алардын сөздөрүн уккан жок, тек чоң атасынын айтканын жан дили менен орундап жатты.

Кайрадан күркүрөгөн күз келип, бак-дарактардын бариктери саргайып, адыр-түздүн жашыл тулаңдары көзгө комсоо көрүнүп куурап, жайы менен жашыл тон жамынгандай керилип жаткан тоолор күзгү чапанын кийген кез. Миразим он биринчи класска барды, эми алдыдагы мамлекеттик бүтүрүү экзаменин ийгиликтүү тапшырыш үчүн баш көтөрбөй окуп, кайра тиричилигин жасап жүрө берди. Бир күнү Бактияр атайын келиптир. Аны Миразим баягыда чоң атасыныкынан бир көргөн, бирок анда оюна эч нерсе келген да эмес. Оюнда жалгыз гана Шамбет, ал мурункудай эмес, бетке айтканына шайырдыгы кошулуп ачык-айрым, тамашакөй болуп чыга келген.

- Кандайсыз, бийкеч? - деди Бактияр жолунан тосуп.

- Жакшы, сиз кимсиз?

- Чолпонбай аяш атаныкынан көрүштүк эле го?

- Аа-а, тааныдым.

- Окууларыңыз жакшыбы?

- Дурус.

- Мен сизди жакшы окуйт деп уктум, шаарга окууга барасызбы?

- Жакшы окуганымды кайдан уктуңуз?

- Уктум да.

- Шаардан келдиңизби?

- Ооба, сиздей сулууну бир көргүм келди.

- Шаарда сулуу кыздар жок бекен?

- Алар бойонуп алышат да, шпаклевкасы билинип турат.

- Мен өзүмдү сулуу деп эсептебейм, көп кыздын эле биримин, шаарга барсам мен дагы шпаклевка жасатам да.

- Натуральный сулууга анын кереги жок.

- Келген экенсиз?

- Таанышып алалы деп эле келдим.

- Ошончолук зарылбы?

- Абдан…

- Таанышып коюудан качпайм, атым Миразим.

- Менин атым Бактияр.

- Эмесе мен барайын, убактым тар эле.

- Миразим, жолугуп туралы.

- Биерде каласызбы?

- Жок, эки-үч күн турам го?

- Эки-үч күн туруп кетип калсаңыз, жолугуп эмне кереги бар?

- Кат жөнөтүп турам да.

- Кептерденби?

- Кандай?

- Азыр почта дээрлик иштебейт дегеним да.

- Аа-а, заказ кылам да, - Бактияр күлүп калды. - Баккан ак кептерим деле бар, жөнөтүп турам.

- Рахмат сизге, убактым жок дебедимби, тамашаны кийин айтышалы, жолугушуп калсак.

- Миразим, кайсы окууга барасың?

- Азырынча тандай элекмин, акыбалга карайт окшойм.

- Ачык-айрымдыгың жакты.

- Уялчаак эмесмин.

- Жигитиң барбы?

- Бирөө бар.

- Жетишпей калдымбы?

- Запаска кармап коюшум мүмкүн.

- Чын элеби? - Бактияр каткырып калды.

- Көңүлгө туура келсе.

- Жүрөгүң менен сүйсөң запаста болууга деле даярмын.

- Болуптур, запаста тура бериңиз, таанышканыма кубанычтуумун, жакшы барыңыз, аман болуңуз, - деп жөнөй берээрде Шамбеттин келе жатканын көрүп туруп калды. - Мына менин жигитим, - деди жетип келген Шамбетти көрсөтө жылмайып. - Эми ынандыңызбы?

- Азамат кыз экенсиң, мен дагы таанышканыма кубанычтамын.

- Эмне болуп жатат, кыздар менен таанышчу жер бекен? - Шамбет экөөнү алмак-салмак карап тиртиңдей түштү.

- Кызганчаактыгың мага жакпайт, бул жигит менин чоң аталарымдын үйүн издеп жүрүптүр, сүйлөшүп туруп калдык, эмнеси жаман, - деп Шамбетти жини келе карады Миразим. - Азырынча башым бош, эч кимге баш ийбеймин, - деп туруп, Бактиярга кайрылды. - Жакшы барыңыз, чоң атама менден салам айтыңыз.

- Айтам-айтам, - деп Бактияр кызды тарттырып ийгендей ичи ачыша ары басып кетти.

- Эмне эле аны жакшы бар, жакшы бар деп жатасың?

- Ээх, жигиттер, бириңден бириң кызганып,

Кыздарды тооруп турушкан.

Таркаган соң кумардан,

Башканы көздөп самашкан, неге мындай жансыңар деги? Мен сендикмин, агажан! - деп Миразим шыңгыр күлкүсүн жаңыртты.

- Кайдагы неме тиги?

- Конок.

- Кайдан келиптир?

- Шаардан.

- Сага жагып калган го?

- Шамбет, ашыкча суроонун кажети эмне?

- Болду эми таарынбачы, кызганып кеттим.

- Кызгангыдай бирдеме болдубу?

- Күлүп-жайнап сүйлөшүп жатсаң анан.. .

- Ыйлап сүйлөшөйүнбү?

- Кой эми, эртең тууган күнүмө барасыңбы?

- Мен эч жакка чыгалбайм. - Кыз жигитти көздөрүн коймолжута карады. - Куттуктайм!

- Рахмат, бирок мунуң жарабайт.

- Менин башка айылга эмес ушул коңшунукуна киргим келбейт, Шамбет, убара болбо.

- Болуптур эми, бирок куттуктап бир өптүрүп койчу.

- Өптүрүп?

- Ооба, эмне экен, жигитиң өпсө болбойбу?

- Жо-ок, Шамбет, кийин-кийин миң-миң жолу.. . азыр эмес.

- Азыр бир өптүргөнүң жетет.

- Жок.

- Анда сен мени сүйбөйсүң.

- Сүйөм, бирок өптүрбөйм.

- Мира-а! - деген Ашырбүнүн үнү угулду ошол кезде. - Мира!

- Баратам! - деди да, кыз Шамбетти жалт карай жүгүрүп кетти.

- Кайда жүрөсүң, бая эле келе жатат дебеди беле Асел?

- Эми эле келдим, - деп үйгө кирип кетти. Ашырбү жол жакты карап, бир караан ары кетип баратканын көрдү элес-булас. "Бул ким менен сүйлөшүп жүрөт, балакет болуп, жаманатты болбосо экен", - деп ичтен тына үйгө кирди. Камчы менен Асел көргөнүн энесине айтчу болду, Миразим айтпагыла десе дагы болушпайт. Бактияр эртеси дагы жолукту. Кетээрде ага кат таштап кетти. Миразим аны окуп, күлүп койду. Анткени ал: "Миразим, бул жерде кала албаганыма өкүнөм. Сендей кызды жандаган биринчи жигит болбогонум мени кайгыга салды, бирок ылайым эле запаста турсам, жетип калаармын. Кызык, адамдар ар дайым өзү эңсеген нерседен кеч калышат, мен сени бир көрүп жактырдым, түбөлүккө жар тандоодон жаңылган жокмун деп ойлодум эле, бирок жигитиңдин бары ичимди ачыштырды. Эмнеси болсо да аман бол, бактылуу бол. Башка айтаарым жок. Сени сүйгөн бир запастагы жигит Бактияр", - деп тамаша-чыны аралаш жазыптыр. "Эмне, мен ошончолук эле сулуумунбу, көпчүлүк кыздардай элемин го, балким мени баары сынагылары келет чыгаар. Шамбет болсо эмитен эле кызганып жүрөт. Эмнеге анын кабак-кашы мага бирөөгө окшоштой сезиле берет, бир жерден көргөндөй боло берем, баскан-турганын, караганын да бирөөгө окшоштурам. Балким сүйгөн адамың өтө жакын сезилгендиктен ошондой көрүнөт чыгаар", - деп катты ушалап айрып, мешке салып койду…

Аңгыча кыш өтүп, жаз да келди, жаңыдан гүлдөгөн алма-өрүктөр гүлүн төгүп, күн жылып жер бетин көк шибер көрккө бөлөдү. Талаа гүлдөрү кулпуруп, жыпар жытын чачкан кезде Миразим экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, окууга даярданып жатты. Шамбеттин үйүндөгүлөр үйлөнүүнү күзгө калтырышты. Мал-жан жаңыдан тоюнуп жайлоого кеткен кез, арыкчылык дешип, болбой коюшту. Миразим өзү дагы окууга бармак болуп, документтерин топтоп бүтүп калган. Эртеси эле Чолпонбай акчаны жанына түйүп, өзү алып жөнөдү. Ашырбү мурункуга караганда көзү жакшыраак көрүп, үй жумушуна жарап калган. Миразим шаарга келип, улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырды. Чолпонбай аны өзүнүн кызынын үйүнө орноштуруп коюп, айылга кетти. Шамбет ошол бойдон Миразим менен көрүшпөй, апасына таарынып, шаарга келгени менен окуу жайларын кыдырып, сүйгөнүн издеп таппай жүрдү. Акыры бир күнү таап алды. Экөө бири-бирин сагынып калган экен, кучакташа учурашышты.

- Кандай, Мира, окуу жакшыбы?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, апамдар күздө үйлөн деп койду.

- Эмнеге, азыр үйлөнмөк белең?

- Мен сага окууңду бүтөөрүң менен үйлөнөбүз дебедим беле, сөзүңө турбайсың дейт экен деп, сенден уялдым.

- Жинди, шашылганда эмне, мен окуумду бүтүшүм керек, жаңы гана баштадым.

- Күздө алып кетем.

- Кой, Шамбет, мага тоскоолдук кылба!

- Эмнеге, кийин окуй бересиң, мен иштейм.

- Анда мен окуй албай калам.

- Сенин көңүлүң жок го?

- Ушинтпечи, Шамбет, мен сендикмин, сени сүйөм-сүйөм, жетеби эми?

- Жетпейт, быйыл үйлөнгөнгө макул бол.

- Болуптур, алып кетсең даярмын, - деди күлүп.

- Буйруса бир-эки айдан кийин.

- Макул, эми эс алдыңбы?

- Жаны десе, сени жоготуп албасам экен деги.

- Мен сага буюм белем жоготкудай?

- Деги да, кыздарды деген озунуп ала качып кетсе жаман да, ошондуктан тез эле үйлөнүп албасак, - деп кызды белинен имере кучактады. - Мени сүйөсүңбү, Мира?

- Сүйөм.

- Мен дагы.

- Чынбы? - Кыз жайдары сурады.

- Чын айтам, сенин бирөө менен турганыңды көрсөм тим эле ичим бышып кетет.

- Ой тобо-о, ошончолук сүйсөң окуумду бүткүчө чыдабайсың го?

- Жок, мен ага чыдай албайм.

- Неге?

- Бирөөлөр ала качсачы?

- Ала качпайт, шаарда баары маданияттуу да.

- Жо-ок, азыр ар кайсы айылдын маданият менен иши жок, ээнбаш элдери толуп алган шаарга, ишенич жок, - деп Шамбет же кеп жебейт. Анын ушул сөздөрү да кээде түшүндө көргөнсүп тааныштай сезилип, саамга карап туруп калды, анын сүйлөгөн сөздөрүн дагы бирөөгө окшоштуруп турду.

- Сага эмне болду, эми көргөнсүп карап калдың да?

- Жөн эле.

- Кызык, таңгала карап калып, жөн эле дегениң кандай?

- Караса болбойт беле?

- Деги айтам да, балким жигит таап алгандырсың?

- Мени эле карап туруптурбу? - Миразим таарына карады.

- Болду эми, таарынба, жаны, мен айылга кетемин да, сени алып кеткенге даярданып келем, сен эч ким менен сүйлөшпө, макулбу?

- Макул.

- Эч ким менен жүрбөйсүңбү?

- Ошентпечи эми.

- Болуптур, мен барайын ээ? - дегени Шамбет кыздын бетинен аяр өөп коюп, жөнөп кетти.

- Жакшы бар.

- Көрүшкөнчө, - деп артына кайрылган Шамбетти узата карап турду Миразим.

"Сени сүйдүм, сүйгөндүгүм сүттөн ак.

Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.

Эгер кайра жаралсам бул дүйнөгө.

Сени гана сүйөөрүм чын кайталап, - деп акындар айткандай сүйүү ушунчалык катаал сезим тура. Шамбетти мен ушунчалык сүйөм, ансыз менде жашоо жок, кандай десе да мен макулмун", - деп ойлонуп кадамын ылдамдата үйүн көздөй жөнөдү. Бирок ал азыр үйдө аны ким күтүп турганын сезбей Сезим эжесиникине кирди.

- Келдиңби, Мира? - деп Сезим ага күлө карады.

- Келдим, эже, үйдө бирөө барбы?

- Айылчы тажездемдин баласы келген, бөлөм болот.

- Аа-а, - деген бойдон бөлмөгө кирсе, Бактияр отуруптур.

- Оо кел, Миразим, окуулар кандай? - деп тура калды.

- Келиңиз, баары жакшы.

- Келип калдык, бөлөлөрүм менен учурашайын деп эле.

- Жакшы…

- Окуу кандай?

- Ойдогудай.

- Силер тааныш белеңер? - деп Сезим кирип келе жатып сурады.

- Чачыкей эжемдикине барганда таанышканбыз.

- Жакшы экен да, - деп жадырай күлүп койду.

Ошондон тартып Миразимдин жашоосунда Бактияр дагы пайда болду. Ал кокусунанбы же атайылаппы алдынан чыга калат, кинотеатрга же кафеге кайрылат дагы киргизип сыйлайт. Кыскасы ар дайым сабагынан кийин жанында болот. Миразим канчалык ага жолуккусу келбей буйтап качса дагы болбой, жанында жүрө берчү болду.

- Миразим, жигитиң келип атабы? - деди бир күнү.

- Келип атат.

- Качан үйлөнөсүңөр?

- Жакында, - деди Миразим суз гана. - Сизге мунун кереги канча?

- Деги да, кокус болбой калса запаста эмесминби? - деп күлүп калды. - Же мени запастан алып таштадың беле?

- Буйруса…

- Миразим, чын эле сүйөсүңбү ошол жигитти?

- Калп айтып көргөн эмесмин.

- Мен сен деп күйүп-жанып, түн уйкумдан калып жүрөм, а сен башканы ойлойсуң, мага таптакыр жүрөгүңдөн орун табылбадыбы?

- Мен бир гана сүйлөйм, жагынганды жаман көрөм.

- Ойлонуп көр, Миразим, ошол жигитиң мага жакпай турат, сени кыйнабаса болду.

- Өз убалым өзүмө, эгер сөзүңүз бүтсө мен барайын, - деп Миразим ылдамдай басты.

- Бир аз сүйлөшүп турбайлыбы?

- Убактым жок, кечириңиз.

- Макул, жакшы бар, - деген Бактияр кызды узата карап, бир топко турду да: "Текебер кыз, өз бактыңды ойлобой жатасың, ошонуң талаада калтырбаса болду. Сары майды аңдыган мышык болбой, мен дагы өз бактым үчүн күрөшөйүн, ар бир адамдын пешенесине жазганы бар эмеспи", - деп өз үйүнө жөнөдү. Ошондон көп өтпөй Миразим Бактиярдын үйлөнгөнүн Сезимден укту. Жылмайып тим болду. "Туура кылыптыр, өзүн сүйбөгөн адамдын артынан жүгүргөнчө", - деп ойлоп койду. Кышкы сессия башталып, Миразим жанталашып окуп жаткан. Ошол кечте түнү бою түйшөлүп уктай албай чыкты. "Эмнеге жүрөгүм кыжаалат болот, таежем кыйналып жатабы, жаз болсо бир батир таап, аларды алып келип албасам болбойт", - деп сары санаага батып, жата берип, эртең менен башы зыңгырап ойгонду. Уйкудан калганга өзүн жаман сезе окуусуна жөнөдү. Ал эми корпусуна жеткенде алдынан Шамбет чыга калды.

- Кандай, Мира, денсоолуктар, окуулар жакшыбы? - деп кучакташа көрүштү да, бетинен өөп койду.

- Өзүң кандайсың?

- Баары ойдогудай, Мира, сүйлөшө турган сөздөр бар.

- Айта бер.

- Бүгүн сени алып кетем.

- Окуум кантет, сессиямды тапшырышым керек.

- Кайра эле келебиз, апамдарга айттым, макул болушту, алар бүгүн бизди күтүп жатышат, сага айтпай ала качалбайм, Мира.

- Жүрөгүм түпөйүл болуп, кызыктай болуп жатам.

- Ошондой боло берет, жаным, мен жаныңда болом, бөтөн бирөөгө бараткан жоксуң.

Ошол күнү Миразимди Шамбет алып кетти. Кечке маал айылга кирип келишти, өз айлына коңшулаш бул айылды Миразим эбактан бери билет, кээде кыздар менен келип калчу. Жүрөгү лакылдап, өзүнөн-өзү ыйлагысы келип буулугуп, жүрөгүнө ыза толуп-ташып жете бергенде ыйлап ийди. "Чын эле мен келин боломбу?", - деп ойлонуп оюн жыйгыча чоң үйдүн алдына машина токтоору менен эле аялдар жетип келип, келинди алып кирмек болуп тегеректеп калышты.

- Оой, болгула, келин келди, чачылаңарды алып чыккыла!

- Болгула, эртерээк суу алып чыккыла! - дешкенин укканда ого бетер солкулдап ыйлап, машинадан түшкүсү келбей тартынып жатты.

- Айланайын, кыз деген ушу да, баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз, - деп бир аял бир жагынан колтуктады.

- Ооба десең, кыз бечара куштай гана торго түшөт тура, - деп бири бир жагынан кармап, тартынып болбой жаткан кызды түшүрүп, үйгө карай алып жөнөштү. Жолдон бири баштап келип, башына суу тегеретти, бири чачыла чачты да, көшөгө тартылган үйгө алып киришти. Балпайган аял башына аппак чачыктуу жоолукту салып, бетинен өөп:

- Ар дайым башыңдан ак жоолук түшпөсүн, садага, алганың менен тең кары! - деп төрт бүктөлгөн курак төшөктүн үстүнө отургузуп, этегине таш бастырды. - Ылайым бактылуу келин бол, артыңды мал басып, алдыңды бала бассын. Очор-бачар, ордолуу шаар болгула, садага!

- Бактылуу болгула, айланайын, - деп дагы бири жоолуктун үстүнө жоолук салып, бетинен өптү. Андан кийин ар кимиси келип, өз милдетин өтөгөндөй бетинен өөп, жоолуктарын салып жатышты. Ал күнү улак союп, түлөө өткөрүп, бапырап жатып калышты. Эртеси нике кыйылгандан кийин кыздын жеңетай тоюн жөнөтмөк болушту. Миразим эч нерсе оюнда жок эле Ашырбү таежесин айтып берди. Мамбеттин камалганына себеп болгон аялдын атын укканда ага-инилери өздөрүнчө сүйлөшүп калышты. Кечке маал Миразимди төркү үйгө чакыртышканда ал кайнагаларына жүгүнмөк болуп, босогону аттап кирип келе жаткан. Төрдө аялы менен түшкөн Мамбеттин сүрөтүн көрөөрү менен муундары калчылдап, өңү бузулуп кетти. Аргасыз өзүн кармай жүгүнүп жатып, дагы бир сүрөттү карап алды, анан бир келиндин коштоосунда чыгып кетти. Өз бөлмөсүнө келип, жүрөгү лакылдай: "Демек, Шамбет Мамбеттин баласы тура, ошондуктан мен аны кайдан көрдүм эле деп эстей албай жүргөн экенмин да, жүрөгүм сезген экен, эми бул жерде калууга болбойт", - деген чечимге келди. Шамбет достору менен ала-гүү болуп сыртта жүргөн. Миразим сумкасынан кагаз-ручка алып: "Мен сени сүйгөм, бирок кечир, экөөбүз эч качан бирге боло албайбыз", - деп шаша-буша кыскача кат жаза салды. Аны жаздыктын алдына коюп: "Түндөп качып кетемин, ушундайда кетпесем кеч болуп калат", - деген ойго токтоп, түндүн киришин күтүп жатты. Күүгүм киргенде сумкасын колтугуна халат менен далдоолоп катып алып, ажатканага тарапка басты. Аны качып кетет деп эч кимиси ойлогон жокпу же кеткени жакшы деп, жайына коюштубу, айтор эч кимиси көңүл бурбады. Ажаткананын бир капталындагы тор тосмодон ашып түшүп, эрбеңдей жолго жүгүрүп кетип баратты. Шаарга кетчү чоң жолго чыкты да, өткөн унааларга кол көтөрүп, улам артын элеңдеп карап кете берди. Бир кезде жеңил машине токтоп калды.

- Шаарга кетсеңиз ала кетесизби, байке?

- Каерине барасың?

- Бишкектин өзүнө жетсем болду.

- Отур, - деди айдоочу, жанында эч ким жок экен.

Арткы орундукта отуруп, бактысыз тагдырын ойлонуп, көз жашын төгүп келе берди. "Жүрөгүм сезген экен, кудай сактады, кокус түнөп калсам эмне болмок, кандай гана өкүнүчтүү, бактым ушундай экен да, кантип жашамак элем? Ай кудай ай, деги неге эле менин жолум ушундай болуп калды, неге???" - деп буулугуп ыйлады.

- Эмнеге кеч чыктың? - деп сурады айдоочу бир маалда.

- Ошондой болуп калды, байке. - Зорго сүйлөгөн кызды боор ооруй карап койду.

- Күйөөңдөн качып чыктыңбы?

- Жок, байке, күйөөгө ала качып келишкен, качып чыктым.

- Аа-а, сүйлөшпөй ала качканбы?

- Ооба.

- Ай жаштар, жаштар, эми алар сени издеп убара болуп жатышат го байкуштар.

- Издей берсин.

- Мурда көрдүң беле?

- Жок.

- Аа-а, - деп шоопур андай болсо мейли дегендей баш ийкеп койду да, караңгы жолго үңүлө айдап кете берди.

Миразимдин жүрөгүн бороондуу ызгаар каптап: "Ушуга кабылып калганымды кара", - деп улутунуп алды. Түн ортосунан ооп калганда шаарга кирип келишти.

- Байке, мени ушул жерден таштап коюңузчу.

- Кайда барасың деги?

- Ала-Тоо конушуна.

- Оо кокуй, мен ошол жакта жашайм да.

- Жакшы болгон тура. - Кыз кубанып кетти.

- Кайсы көчө?

- Горький.

- Бери жакта эле калат экенсиң, эрдик кылсаң сүрө кыл дегендей биротоло үйүңө жеткирип койойун.

- Рахмат, байке, канча берем?

- Тим кой, өзүң качып келе жатсаң?

- Рахмат, байке сизге, кудайым жалгасын сизди.

- Эчтеке эмес, кызым, өзүм деле келмекмин да, окуйсуңбу?

- Ооба, журналистка болом.

- Азамат, кайдан алып кетип жүрөт?

- Сабактан чыкканда.

- Мейли эми бактың ачылсын, кандай чыгарып ийгенин билбей калышкандыр, издеп убара болушат.

- Боло берсин, сизге чоң рахмат, мына келип калдым, байке.

- Макул, кызым, жолуң болсун. - Миразим машинеден түшүп, Сезим эжесинин дарбазасын такылдатты. Түн ортосуна чейин Миразимден кабатыр болуп жатып, жаңы эле уктап кеткен Сезимди күйөөсү Дастан ойготту.

- Эшикти бирөө кагып жатат, Мира болсо керек.

- Ачып койчу сен.

- Макул, - деп Дастан чыга калып, Миразимди көргөндө: - Аа-а сенсиңби, эмне мынча кеч, кайда жүрдүң? - деди кыздын артынан дарбазаны бекитип жатып.

- Үйгө киреличи, жезде. - Миразимдер ичкери киргенде Сезим туруп калган, анын ыйлагандан шишиген көзүн көрүп чочуп кетти, үстүндөгү чоочун халатты көрүп: "Бул бир балээ болгон го, Дастанды киргизип коюп, анан сурайын", - деп ашканага киришти.

- Кайда жүрдүң, тынч элесиңби деги?

- Жакшы эле, мени ала качып кетишти, качып чыктым.

- Каякка ала качты эле?

- Фрунзе совхозуна.

- Кантип келип калдың анан?

- Иши кылса качып чыктым, нике кыйгандан кийин.

- Жаткырып койду беле?

- Жок, түндө жөн эле отурдук, бүгүн нике кыйган…

- Үйгө издеп барышат эми, жакын эле да.

- Бара берсин.

- Кийимиң калып калдыбы?

- Ооба.

- Мейли өзүң эсен-аман болсоң болду, кардың ачкандыр?

- Эчтеке ичким келбейт.

- Коркуп калган жоксуңбу?

- Билбейм, жатып эс алайынчы, - деп Миразим өзү жатчу бөлмөгө кирип кетти. Халатын чечип таштады да, диванга жатып алып, ыйлай баштады. "Шамбет, сени кантип унутам, сенин ошонун баласы экениңди мурдараак неге билбедим? Биз кошула албас болгон соң кезигишпей эле койсок эмне! Тагдыр бизге ушундай белегин тартуу кылганын кара, сен мени акыры түшүнөсүң", - деп солкулдап жатып уктап калды.

Шамбет ичип жүргөндө аны агасы чакырды, ачуу басарды алып баруу керекпи-жокпу ошону макулдашалы деп чакырган. Апасы али эчтеке уга элек, бир кезде Мамбет өзүн, бала-чакасы менен таштап кетип, үстүнө кирип алган аял менен кудагый болгонунан деле кабары жок. Эшиктеги келиндерге карап, өзүнчө эле кубана минтип жатты:

- Үйдө келин жалгыз калбадыбы, бирдеме алып кирип, жанында болсоңор боло.

- Азыр, жеңе, келиниңиздин жанына киребиз, кыздар бар эмес беле? - деди кайнисинин аялы.

- Ошент, ботом, Шамбет балдары менен жүрөт окшойт. - Алия абысынына шыбырап калды. - Түсү ийгиден түңүлбө дегендей дурус келин болчудай ээ?

- Ооба, жеңе, жакшынакай келин болот, кут болсун, - дегенче үйдөн кичүү кызы чыгып:

- Апа, жеңем каякта? - деди.

- Үйдө, балам.

- Жок экен.

- Апей ботом, кайда кетмек эле, жакшынакай эле отурбады беле? - деп Алия жүгүрүп кирип кетти, берки келиндер кошо кирди. Келини чын эле отурган жеринде жок экен.

- Кайда кетмек эле, дааратканага кетсе керек?

- Карагылачы.

- Мен карап келейинби? - деп тестиер кыз жүгүрүп барып эле кайра кыйкырды. - Апа, жок экен!

- Капырай, кайда кетти?

- Шамбеттен сурачы? - дешип ызылдап калышты. Аскат муну угуп, Шамбетке кайрылды.

- Эй, сүйлөшүп эле алып келдиң беле?

- Эмне болду?

- Келин жок го?

- Эмнеге? - Шамбет чуркап келип, үйгө кирди. Аны Аскат токтотту, ары жүгүргөн Алияны да чакырды:

- Келиниңердин кеткени жакшы болуптур!

- Эмнеге? - Шамбет соолуга түштү.

- Ал эми келбейт, билип калса керек, - дегенде Шамбет:

- Эмне деп жатасыз, эмнеге кетиши керек? - деп жиберди.

- Алаңдабай сөздү ук, ал атаңды каматкан аялдын сиңдиси экен, эми убара болбогула, байкап сүйлөшпөйт белең.

- Миразимби? - Шамбет делдейип туруп калды. Мамбет камалганда ал аскерде жүрүп, аки-чүкүсүн уккан эмес.

- Ошол, таежеси экөөнө атаң көрсөтпөгөндү көрсөткөн экен, эми ал сага кайрылып келбейт, убара болуп, издебе да барба, биз таежесине киши жиберип барган барбаганын билелик.

Шамбет шалдая отуруп калды, Алия андан бетер үнсүз томсорот. Ошентип алар түндөп Ашырбүнүн үйүнө киши жиберди. Түнкү жети-сегиздерде эшиги кагылганда Ашырбү коркуп кетти. "Мамбет түрмөдөн качып келип калдыбы, ай кудай ай, жаш балдар менен караарым жок жалгыз, эптеп оокат кылып жатканда ал шүмшүк эмнеге келди? Өчөшүп өлтүрүп койбосо болду", - деген ой башын жарып, дендароо болуп турганда:

- Ким бар, үйдө киши барбы? - деген жай үн чыкты.

- Кимсиңер? - деди Ашырбү дирилдей.

- Кыз качты, ачып коюңузчу.

- Эмне, кыз качты дегени эмнеси? - Эшигин алаңдай ачып жибергенде эки-үчөө үйгө кирип келишти. Жүрөгү түшкөн Ашырбү эсин жоготуп койо жаздады.

- Силердин кызды балдар ала качып келген кечээ, бүгүн күүгүмдө качып кетиптир, келген жокпу? - деди бири.

- Кимди, кайсы кыз? - Ашырбү эч нерсеге түшүнбөй эле сурай берди.

- Миразим силердин кызыңар беле?

- Ооба, ага эмне болду, аманбы өзү?

- Биздин бала ала качып келген, бүгүн качырып жибердик, - дегенде Ашырбү сөздүн төркүнүнө эми гана түшүнгөндөй кейип-кепчип кирди.

- Кайда алып келдиңер эле, кимдин баласына?

- Мамбеттин баласы ала качып келген.

- Эмне?! - Ашырбүнүн көздөрү чанагынан чыга алайып, мууну калчылдап туруп калды. - Эмне дейт карангүн, бул кандай балакетиң эле, айланайын кудай, анан кайда кетип калды? - деп ыйлап кирди.

- Коркпой эле коюңуз, бала дагы эчтеке билбейт экен, табылып калаар, коркпоңуз, эже, башка бараар жери жок беле?

- Жо-ок, айланайындар, кетмек эмес, каран күн ай, кандай күндө калдык эле?

- Кабатыр болбоңуз, - деп калчылдаган аялга боор ооруй чыгып кетишти. - Демек, кыз биякка келген эмес.

- Анан кайда кетиши мүмкүн? - деди бири.

- Ким билсин, кайра шаарга кетип калгандыр?

- Азыр таксилер көп да, кетсе кеткендир, - дешип жолуна түшүштү келгендер.

Ашырбү түнү бою кирпик көзүн какпады, таң эми кылайганда Чолпонбайдын эшигине эптеп жетип, дарбазасын такылдатты. Көптө барып, Чолпонбай өзү чыкты:

- Кел, Ашырбү, тынччылыкпы деги?

- Кайдан, аке, Миразимди коңшу айылга бирөөлөр ала качып келген экен, түндө качырып ийдик деп келишиптир, биякка келбеди бекен деп эле, уктай албай чыктым, сууктун түрү бул болсо…

- Кимдер экен ал ата-аңдын оозун-урайындар?

- Билбейм, айтышпады го, үйгө келдиби деп издеп келишиптир. - Мамбеттин баласы ала качыптыр деп айтууга Ашырбүнүн оозу барбады.

- Кайда кетип калды чунак кыз?

- Билбейм, аман болсо экен деги.

- Кудай сактасын, мен анан почтого барып, Сезимден сурап билем, кабатыр болбо?

- Мен биякка келди бекен дедим эле, - деген Ашырбү үйүн көздөй илкий жөнөдү. "Эмнеге эле бизге ушулар жабышып калды? Жаз болсо эле шаарга кетейин, коркуп жашаганча чогуу болоюн, балдарым да жаш, жалгыз-жарым жатканымда ким билет", - деп ойлонуп үйүнө кирсе, эки баласы капарсыз бышылдап уктап жаткан экен. - Кагылайындарым, силерди эптеп адам кылсам болот эле. Канткенде жанымды уучтап, өлбөй чоңойгуча маңдайыңарда болоор экенмин, кудайым ырыскыңарды мол кылса экен, садагаларым", - деп балдарынын жанына кыңкая кетти.

Шамбет эмне кылаар айласын таппай бир досуна барды, анын машинасына май куюп, түндөп шаарга жөнөдү. "Мен туура эмес кылдымбы, эми ага барыштын кереги жоктур, баары бир ал мени менен сүйлөшпөйт. Ушул бойдон жолукпай эле койсомбу, ортодо андай чыр болгонун мен кайдан билем, ал атамды абдан жек көрөт чыгаар, кайдан билип алды, ким айтып койду экен?" - деп келе берди. Майрамбек музыканы бийик коюп алып, зуулдата айдап келе жатты.

- Шамбет.

- Ийи.

- Сен ал кызды сүйөсүңбү?

- Ооба.

- Түнөдүңөр беле, тойс жаттыңар беле?

- Жок.

- Өкүнүчтүү. - Жолду карап бараткан Майрамбек ыржайып койду.

- Эмнеге?

- Бир жатып калсаң болмок.

- Койсоңчу, дос.

- Жиндисиңби, кыз кылыгына батуу кандай рахат.

- Мага анын бир түнү эмес түбөлүгү керек болчу.

- Алып келесиңби?

- Эми келбейт го.

- Эмнеге баратасың анан?

- Кечирим сураш үчүн.

- Ой ата, кечирим сурап эмне кыласың, эгерде сен сүйгөндөй ал дагы сени сүйсө кайрылып келээр.

- Ал андай кыз эмес да.

- Кандай кыз анан?

- Бир айтканынан кайтпаган кыз, аны ошо сүйгөндүгүм үчүн дагы кечирим сурайм, атамдын каталыгы мени бактыман айрыды, билсең азыр түтөп турам, түтөп! - деди Шамбет кимгедир кыжына муштумун түйүп.

- Кыз толуп жатпайбы, давай башка кызды ала качабыз.

- Башканын кереги жок.

- Ошончолук сүйгөндөй сулуу кызбы? - деди Майрамбек аны бурула карап. - Чүрөк болсо керек ээ?

- Сен көп сүйлөп калыпсың.

- Сурап койдум да.

- Жолуңду кара.

- Кудай сактасын, - деп койду Майрамбек. Шамбет өз ою менен алек: "Эмне дейм, эмне деп айтам, атам бизди таштап сенин таежең менен жашап кеткен болчу деймби? Же ага мен билбейм деп актанамбы? Баары бир ал мага жолукпайт, жолукса да сүйлөшө койбос, андан көрө Майрамбекти кетирип ийип кала берейин". Эртеси Миразим акыркы экзаменин тапшырып, эки зачету калган, ошолорго баа койдуруп чыкканда Дастан машинасы менен келип, аны салып кетти. Шамбет аны көрүп: "Мунун дагы башка жигити бар го, мени алдап жүргөн экен, эгерде мени сүйсө баарына чыдап отуруп калбайт беле, демек бул эки ойдо жүргөн тура. Түндө жатып койбой, тим эле туугандар кетпей нике кыйылгандан кийин деп коюшпадыбы", - деп Миразимге жини келе кызганычы күчөп чыкты. Анан башын шылкыйтып таанышы Медербектин батирине келди, шаарга келген сайын ошонукуна барчу. Ага барып, иш издемек болду оюнда…

Миразим туталанып, чүнчүп кетти. Бир жумадай аны түштө Дастан окуудан алып кетип жүрдү, анын дагы убактысы тар болгондуктан кийин келбей калды. Миразимге ашык болуп жүргөн Самат ошол күнү аны жандай басты.

- Кандай, Миразим?

- Дурус.

- Өзүң ушундай сузсуңбу?

- Ооба.

- Киного барып келбейлиби?

- Жок, сабак окушум керек.

- Окуп да, эс алып да коюш керек да.

- Менин эс алгым келбейт.

- Эмнеге?

- Эс алчу убакыт акыры келгенде ансыз дагы эс алабыз.

- Аның туура дечи.

- Самат, мен жалгыз болгум келет, - деди Миразим кабагы суз.

- Эмнеге капасың?

- Суракка отурдумбу?

- Койчу эми, Миразим, сунушумду четке какпачы.

- Эч нерсеге көңүлүм жок.

- Көңүл көтөрөбүз, анда цирке баралы, Россиянын цирки келиптир, барып келелиби?

- Бекер сөзүңдү коротпо, Самат.

- Бир жолу сөзүмдү угуп койсоң.

- Жок! - деди да, кыз тез-тез басып кетти.

- Бир учур келет, өзүң артыман ээрчиген күн келет, - деп коюп Самат дагы өз жолуна түштү. "Эмнеге эле булар мага асылып калат, кыздар толуп жатат го, сиркем суу көтөрбөй турганда ушулардыкы өттү", - деп ойлонгон Миразим аялдамадан автобуска түшүп кетти. Ошол кезде чөнтөк телефондор чыгып калган, Дастан бир күнү Сезимге бирди, өзүнө бирди алып келиптир.

- Ай-ий, Миразимге дагы алып берели, - деди Сезим.

- Ооба, бүгүн экөөнү алдым, урунуп көрөлүчү, менин иштешкендеримдин баары эле көтөрүп калышыптыр.

- Жакшы кылыпсың, - деди Сезим телефонду кармалай.

- Мага кереги жок, ким менен сүйлөшмөк элем?

- Бирөө ала качып баратса чалып койосуң да, балдыз, -деп Дастан күлүп калды.

- Эми ала качса машинасынан секирип өлүп калам!

- Ой, кой антпе, сенин али беш гүлүңдүн бири ачыла элек, - деп Дастан чочуп кетти. - Байкап сүйлөп жүр.

- Чарчап кеттим, жезде, өлөйүн деп өлө албай зорго эле жүрөм ишенсеңер, дагы жакшы эч ким билбей калды, - деди Миразим, ыйлагысы келип барып токтоду.

- Турмушта баары болот, ага сен капаланбай окууңду окуй бер, сен эле бекенсиң, кыздарды ошентип эле ала качып кетет. Сезимди деле мен ала качып алгам.

- Сүйлөшпөй элеби?

- Кайдан, көргөн эмесмин, атамдар сүйлөшүп коюптур да, - деп Сезим күлдү. - Атамдын тыюусу менен отуруп калдым.

- Жаман эмес, эки уулубуз бар, иштетпей багып жатам го эжеңди, - деп Дастан Сезимди чычалата сүйлөдү. - Жигитим ба-ар, жигитим бар деп, секирип жаткан неме кайнатам келинин жибергенден кийин эле ыйлай-ыйлай отуруп калган.

- Мен туура эмес кылдымбы, эже, балким менин атам болсо ошентмектир…

- Капаланбай жакшы оку, багыңа келгенин көрөсүң, баса сессияң бүттүбү?

- Бүттү.

- Жакшы болуптур, үйдө болосуңбу?

- Айылга барып таежемди көрүп келсемби дедим эле.

- Ошол жактан алып качып кетпесин?

- Албайт, - деп койду Миразим. Үчөө балдары менен отуруп тамактанышты да, Миразим жумушум бар деп чыгып кетти. Ал батир издеп, таежесин шаарга алып келүүнү ойлоп чыккан. Ошол күнү эле ал батир тапты, эки миң сомдук батирди даярдап, эки күндөн кийин келээрин айтып кетти. Ошентип Ашырбүлөр майда-баратын таштап, керектүүлөрүн жүктөп, малын Чолпонбайларга табыштап коюп, шаарга келе беришти. Ашырбү баягыдан бир топ оңолуп калган. Ал Миразимден эч нерсе сурабады, өзү айтпады, ошентип алардын мындан аркы жашоосу шаардан өтмөк болду. Миразимге Чолпонбай акча берип жатып:

- Кызым, кыйналганда келип тур, үйдү болсо өзүм карап турам, - деди. Батири окуу жайга жакын, Карпинка көчөсүндө болгондуктан окуусуна жөө барып келет. Миразим өзүнө телефон алып, Сезимге чалды. Ал чоочун номурду көрүп:

- Бул ким экен? - деди таңгала.

- Мен, Сезим эже, биз батирге көчүп кирдик.

- Ким менен? - Сезим дагы эле таң калып турду.

- Күйөөм менен.

- Качан? - деп Сезим ыргып кетти. - Эмнеге кеңешпей иш кыласың, айтып койсоң болмок, - деп тилдеп киргенде Миразим каткырып ийди.

- Телефон ушундай калпычы болот тура, эже, мен айтпайын десем да болбой айттырып жатат, - деп шаңкылдап күлүп жатты. - Ишенип калдыңызбы?

- Кантип ишенбейм анан? - Сезим таарынгандай унчукту.

- Тамашаладым, эже.

- Ушундай да тамаша болобу, тим эле ишенип калбадымбы?

- Кечирип койчу, эже, сиз менен ойногум келди.

- Шайтан кыз десе, чындап ишенип кетпедимби?

- Таежемди алып келдим, чогуу болбосок болбойт экен.

- А эмнеге батирге кирдиңер, биздин времянка бош турбайбы?

- Окуума жакын экен.

- Өзүң бил, баса эртең келип кетчи.

- Эмнеге?

- Жөн эле.

- Макул, барам, - деп Миразим чын ыкласы менен айтты.

- Эртең күтөм, эртерээк кел ээ?

- Жарайт, - деп телефонун өчүрдү. Анан Шамбетти ойлоду. "Ал эмне болду экен, балким ал дагы тагдырына таарынып отуруп калгандыр, агалары жамандагандыр бизди? Апасы жакшы аял экен, бирок Шамбеттин кыял-жоругу, сүйлөгөнүнөн өйдө атасына окшош тура, кызганчаактыгы дагы, баары бир кийин дал ошонун өзү болмок, кетип калганым жакшы болду", - деп ойлоп бирэсе аны көргүсү келди: "Сүйүү деген бир убакта жалындап,

Илебине кактап жанды күйгүзөт.

Көңүл калып жүрөк сыздап бир кезде,

Сүйгөнүңдү душманыңдай көрсөтөт.

Кимдер сүйбөйт, балтыркандай жаш чакта,

Эс толо элек, акылы мас пас чакта.

Сүйүү үчүн бири-бирин түбөлүк,

Анттан тайып, арман калгандар канча. Кызык, мен Шамбетти дагы эле сүйөм го, болбосо унутуп калбайт белем, эки жумадан бери андан дайын жок, балким дароо башкага үйлөнүп алгандыр, ооба эмдигиче ал үйлөнүп алды, унутушум керек аны", - деген чечимге келди. Анан кечки тамакты жасоого киришти. Даяр болгондо төртөө отуруп тамактанышты.

- Камчыны эптеп окууга киргизели, - деди Ашырбү.

- Эртең мен мектепке барып көрөм.

- Ошент, садага, балам окубай калбасын, ушулардын гана деми мени сактап келе жатат, болбосо эбак эле өлмөкмүн.

- Менчи, мени ойлогон жоксуңбу, таеже? - Миразим таежесине жылмая карады. - Мени деле кошуп койсоң боло.

- Сен чоңойдуң, кудай буйруса турмушка да чыгасың.

- Ой, ошо күйөө дегенди айтпай эле койчу мага.

- Болуптур эми…

- Мен кам көрбөгөндө эмне, өзүм жарым жан болуп калбадымбы, садага. Камчыны айтканым, ал жаш, окуп калса болот эле, мектепке киргизиш өтө кыйын болуп жатпайбы?

- Мен Дастан жездеме сүйлөшүп көрөйүнчү, - деп телефонун терип, тыңшап калды. Көп өтпөй:

- Алло, - деди Дастан.

- Жезде, бул мен Миразим, мектептерде таанышыңыз жок беле?

- Эмнеге?

- Инимди окутуш керек болуп жатат.

- Кайсы класс?

- Экинчи эле…

- Сүйлөшүп берейин.

- Ой рахмат, жезде, качан билейин?

- Эртең өзүм чалам.

- Макул анда, - деп телефонун өчүрдү. - Жездем сүйлөшө турган болду, - деп таежесин кубана карады.

- Ырас болбодубу, ушунум мектепке кирип калса, Асел дагы эки жылдан кийин окуйт эле, - деп Ашырбү көңүлү жайлана отуруп калды. Миразим кечке сабагы менен алек болду. Көп узабай Камчыны мектепке киргизишти, анын окуусуна карап, кайрадан Ала-Тоого көчүп барып, Дастандын времянкасында жашап калышты. Миразимдин башка менен иши жок, окуусуна баш-оту менен кирип кеткен. Буга чейин Шамбет Миразимди сыртынан багып, жолугууга даабай алыстан көрүп коюп, жүрө берди. Аңгыча жадыраган жаз да келип, Миразим биринчи курсун бүтүрдү. Ошол акыркы күнү Шамбет ага атайын жолукпай артынан акмалап, жашаган жерине чейин барды да, кирип кеткен үйүн карап туруп калды. Заңгыраган үйдүн көрүнүшүнөн эле чочуп алды. "Бул шикарный тамда кимиси турат болду экен, балким ушуга чыгып алгандыр", - деп жаман ойдон өзү да кызыктай болуп кетти. "Жок-жок, күйөөгө тие элек, туугандары болсо керек", - деп үйдү жал-жал карап коюп, кетип баратканда машинасы менен Дастан келди. Ал дарбазасын ачып, кирип кеткенде ого бетер айласы куруп, эмне кылаарын билбей калды. "Туугандары болсо керек, күйөөсү эмес, демек мен Миразимге жолугушум керек", - деп ойлоп көпкө айланчыктап жүрүп, кеч кетти. Дастан менен Сезим макулдашып алып, Миразимди бир компаниянын жетекчиси, отуздардагы Арман деген жигитке тааныштырмак болушту. Үйүнө конокко чакырып, атайын тааныштырышты. Миразим бул жигитке анчалык көңүл бурбаганы менен түбөлүк жашоосун ойлоду. Арман сыпайы сый көрүп, ал күнү кете берди. Дастан экөө теңтуш эле, Миразимдин телефон номурун берип койду. Эки күндөн кийин телефону чырылдаганынан караса чоочун номур, "Бул ким болду экен?" - деген ойдо Миразим ала койсо:

- Саламатсызбы, Миразим? - деген коңур үн угулду.

- Саламатчылык, бул ким экен?

- Мен Арман, тааныган жоксузбу?

- Аа-а сизби?

- Мүмкүн, мүмкүн болсо бүгүн жолугуп сүйлөшсөк жакшы болот эле, мен сизди ЦУМдун жанынан күтөм, сураныч, Миразим.

- Байкап көрөйүн.

- Мен сизди күтөм, - деди да, Арман телефонун өчүрүп салды.

- Кызык, мен ага кантип бармак элем, бир эле көргөн немеге чакырса бара койгонум кандай болот? - деп өзүнчө сүйлөнүп алып, үйгө кирди. Олку-солку болуп, китептерин карап отурганда Арман кайра чалды. Кыз көпкө чейин албай отура берди, чырылдай бергенин уккан Ашырбү:

- Мира, телефонуң чырылдап жатат го, уктап калдыңбы? - деди эшиктен кирип.

- Ийи, уктап кеткен турбайымбы? - деди да, телефонун алфп: - Алло, - деди үнүн пас чыгара. Арытан Армандын үнү угулду:

- Миразим, саат экиде күтөм.

- Убактым болбой жатат.

- Миразим, капа болбочу, эгер окууну шылтоолосоң мен өзүм эле сүйлөшүп койом, бир жолу келип кетчи, суранам.

- Макул, - деди кыз оозу бош.

- Күтөм, - деп туруп, Арман телефонду өчүрүп койду. Миразим көпкө ойлонуп отуруп, анан кийинип алып үйдөн чыкты. "Эмнеге атын Арман деп коюшту экен, ата-энеси болду бекен?" - деп ойлуу баратканда акмалап жүргөн Шамбет алдынан чыга калды:

- Кандай, Мира?

- Жакшы… - Миразим аны көрүп делдейип туруп калды. "Бул кайдан жүрөт, эмнеге келди?" - деген суроо мээсин чырмап, басып кете албай калды.

- Мира, мен сенден кечирим сурайын дедим эле, - деди Шамбет жанына келип.

- Кереги жок, эми баары бир эмеспи. - Ошондо гана Миразим ордунан жылды.

- Мен эч нерсе билген эмесмин.

- Эми анын кажети канча, - деп кыз ылдамдай аялдамага жөнөдү.

- Мен сени унуталбай эле.

- Мен сени унутуп калдым!

- Кантип эле, Миразим, менин тарткан азабымды билсең.

- Шамбет, ар кимибиз өз жолубуз менен болгонубуз дурус болоор. Өзүмдүн баамсыздыгыман болду, сени көргөндө эле сезсем болмок, дагы жакшы кеч боло электе билип калдым, - деген Миразим узап баратты.

- Мира, бизге анын тиешеси канчалык, өзүбүзчө жашай берсек болбойбу? - деп артынан жете келип, катарлаша басты Шамбет.

- Эч пайдасы жок, Шамбет, сен эчтеке билбейсиң, сенин атаң менин жаш жүрөгүмдүн үшүн алып, сезимимди ооруткан. Билбесең билип ал, жапжаш кезимде зордуктамак болгон, эл келип калбаганда абийиримден ажырап калмакмын. Уктуңбу ушуну, эми ал адамды көрөйүн деген көзүм жок, атаң жеткен акмак, алсызды биротоло басып алгысы келген мыкаачы, таежемдин көзү ошонун айынан көрбөй калды. Жетет, Шамбет, мен сени сүйгөм ал чын, эми мага эч кимдин, сенин да керегиң жок, экинчи артымдан жүрчү болбо! - дегенде Шамбет эмне айтаарын билбей:

- Кантип элем ошого чейин барды экен? - деп өзүнчө сүйлөнүп кала берди.

Миразим кыжаалат болуп, ЦУМга кетчү унаага түштү да, жөнөп кетти. ЦУМга жеткенде маршруткадан түшүп, аярлай басып баратканда арт жагынан:

- Миразим! - деген үн чыкты эле, карай салса Арман экен. Токтоп калды. Арман аны көздөй ылдамдай басып жете келди. - Кандай, чоң кыз?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Баары жакшы, кайда баралы, Миразим?

- Билбейм, эмне жумуш?

- Сүйлөшөлү, эрмектешели, макул болсоң.

- Менин убактым жок эле…

- Койчу эми, Мирочка, жүрү бир жерге баралы, - деп колдон ала жолдо токтоп турган жеңил машинага алып барып, алдыңкы орундукка отургузду. Эшикти жаап, өзү рулга отуруп, айдап жөнөдү.

- Сиз ар дайым кыздарды көрсөңүз ушинте бересизби?

- Кандай-кандай?

- Деги да, сиз менен Сезим эжемдикинде бир көрүштүк эле, менин телефонумду жездем бердиби?

- Эми ал жөнүндө сөздү койолу, Мирочка, мен сени жактырып калдым, ата-энем үйлөн деп шаштырып жатышат. Сени менен бир конкретно сүйлөшөйүн дегемин, жигитиң барбы? - Жылмая карап коюп, кайра жолду тиктеди.

- Жигитимдин бары-жогу сизге баары бир эмеспи.

- Жо-ок, мен үчүн өтө маанилүү, эгерде башың бош болсо…

- Башым бош болсо эмне болмок эле?

- Жакшы, сүйлөшөбүз да, - деп "Дордой Плазага" келишти, Арман машинесин унаа токтотчу жайга токтотуп, Миразим отурган эшикти ачып, кичи пейилдик менен колун суна кызды түшүрдү. Анан колунан жетелеп, соода борборду көздөй бет алды. Кыз эмне кылаарын билбей, өзүнөн улуу немени кагып ийе албай, жигиттин эркинде болду. Ресторанга киргенден кийин төр жагынан орун алышты. Арман официантканы чакырып, тамак заказ кылды. Көп өтпөй алары алдыларына келип, экөө тамактанып отурушту. Арман кыздын ар бир кыймылын көз жаздымдан кетирбей карап коюп, тамагын ичип жатты, кыязы түштөнө элек болсо керек. Миразим аз-аздан алып коюп ойлуу.

- Мира, чын эле жигитиң барбы?

- Болсо жашырмак эмесмин.

- Андай болсо менин сунушумду кабыл алаар белең?

- Кандай сунуш?

- Ата-энем менен тааныштырайын.

- Неге?

- Болочок келинин көргүлөрү келет.

- Мунуңузду кандай түшүнсө болот?

- Сизге үйлөнөйүн деп чечтим, бойдокчулук менен коштошуш керек, - деп Арман күлө карады.

- Бул өз чечимиңизби?

- Сизден суранып жатпайынбы?

- Баса, сиздин атыңызды эмнеге Арман деп койгон?

- Мени ата-энем багып алган экен, - деди Арман бир аз ойлоно түшүп. - Атам өлгөндө апам мени төрөп, атымды Арман коюптур, эки жашка чыкканымда апам дагы бул дүйнөдөн өткөн экен. Бир тууган тагам мени өз баласындай багып өстүрүп, окутуп-чокутту, колунан келишинче тарбиялады, атымды ошол боюнча калтырып, өзүнө жаздырып алган экен. Карындашын сыйлаган го?

- Кечирип коюңуз, осол суроо берип койдум. - Миразим ыңгайсыздана карады.

- Эч нерсе эмес, учуру келсе өзүм деле айтмакмын, бирок айтылып калды, ага эч капачылык жок, мен жөнүндө уктуң, эми өзүң жөнүндө…

- Эмне десем, менин тагдырым да сиздикинен кем эмес, ата-энем алты жашымда өлгөн экен, таежем менен жашайм, - деди Миразим улутуна.

- Да-а, демек эки бакыр, бир тукур болуп жашасак кантет, Миразим?

- Ойлоноюн, чынында мындай суроого даяр эмесмин…

- Сени сүйдүм деп көкүрөк какпайм, Мирочка, кадырыңа жетээр күйөө боло алам. Ооба, сүйөм-күйөм десем да болмок, бирок өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат муздайт дегендей бири-бирибизди түшүнүп үйлөнүп алсак дейм. Чынында кыздар көп, көңүлгө жагаары жоктугунан отузду оодарып баратам, атам шаштырып жатат, бир милдетиңден кутулайын деп.

- Көп шаштырбаңыз, араба менен коен уулаган арабакеч ашыкпаган үчүн кууп жеткен экен, мен сизден мындай сунуш угам деп ойлогон жок элем. Көңүлгө туура келген сунуш болот, туура келбегени болот, акыл калчап, терең ойлонуп көрбөсөк тагдыр деген катаал да. Табышмактуу дарбазанын каалгасын ачып алып, өзүбүзгө өкүнүчтү таап алып, кийин кимибиз болсок да артка кайтууга кеч болуп калып жүрбөсүн?

- Макул, Мирочка, мен сага ишенейин, ойлонсоң ойлон, көп эле сени кыйнабайм, өзүң чеч.

- Кетүүм керек.

- Жарайт, өзүм жеткирип, таежең менен таанышым кайтайын.

- Ой жо-ок, убактысы келгенде билээр.

- Макул, жөнөйлүк анда. - Арман тамактын акысын эсептешип коюп, жолдон бир дүкөнгө кайрылды. Ал жактан шоколад, бир гриль менен сок, таттууларды алып, машинасына салды да, айдап жөнөдү. Армандын түз сүйлөгөнү жакты кызга, ачык айтып, ичтегисин чыгарганына ичинен ыраазы.

Үндөбөй келе беришти, Ала-Тоого жетип, үйгө кетчү жолго бурулганда гана Миразим Арманды бир карап койду, унчуккан жок. Дарбазага жеткенде Миразимди көрүп, ойноп жүргөн Асел жүгүрүп жетип келди.

- Мира эже, сиз каякка бардыңыз?

- Шаарга, апаң үйдө элеби?

- Ооба, Камчы мектепке кетти.

- Жүрү үйгө, апаңды карабай жолдо эмне жүрөсүң? - деп Аселди колдон ала Арманга кайрылды. - Рахмат сизге.

- Эч нерсе эмес, чоң кыз, - деп Арман пакеттегилерди алып чыгып, Аселдин колуна карматты. - Атың ким, сулуу кыз?

- Асел. - Кыз култуңдап күлүп койду.

- Азамат кыз экенсиң, мына буларды апаңа алып бар ээ?

- Макул.

- Бул эмнеңиз, тим койсоңуз болмок, - деп Миразим ыңгайсыздана кетти. - Кереги эмне…

- Мира, мунуң болбойт, бул менин жүрөгүмдөн берген сыйым, белегим балдарга, антип тартынбай жүр. Анда мен жөнөдүм, көрүшкөнчө, Мирочка! - деп коюп Арман машинесине отурду да, жөнөп кетти.

- Жакшы барыңыз, - деди Миразим акырын. Ал Аселди жетелей үйгө кирип баратканда Сезим:

- Мира, үйгө кирбейсиң да, сүйлөшүп отуралы, кел! - деди терезеден.

- Азыр кирем, эже.

- Макул, мен күтөм, - деп күлүп койду Сезим. Керээлден кечке эки баласы менен зерикчү, бала күнүнөн айылды билбеген Миразим эки аттам эжесине кирчү эмес эле. Ашырбүнүн алдына дасторкон жайып грилди койду, анан чай алып келди.

- Мира, кайда бардың, кагылайын?

- Бир жумуш, таеже.

- Негедир жүрөгүм кысылып турат, ооруп калбасам экен.

- Врачка алып барайынбы?

- Жок, өтүп кетээр.

- Таеже, мындан жесең, бир тааныш атайын балдар менен сизге деп алып берди.

- Ким эле ал?

- Менин таанышым.

- Аа-а, кагылайын, Камчы келе элекпи?

- Жок, тарай элек го?

- Ии, каралдым десе чоңойсо карындашына көз болот беле, мен дагы эмне болом ким билет? - деди жүрөк өйүгөн ички оюн сыртка чыгара, түшүндө эжеси Кадырбү кирип: "Кыйналып кеттиң го, мени менен эле кетсеңчи", - деп жатканын эстеди. "Менин да күнүм бүтүп баратса керек, эки балам кантет? Миразим го бойго жетип калды, бир күнү ал да өз ордун табат, менин балдарымдын күнү не болот?" - деп ойлоп заманасы куурула түштү.

- Таеже, ооруганыңызды сезсеңиз ушундайда врачка көрүнүңүз, жатса жатып эс алыңыз, дарыланыңызчы.

- Жок, садага, келген ажал болсо сандыкка салсаң дагы алып кетет, балдардын маңдайында боло турсамбы дедим эле…

- Койсоңчу, таеже, көп жашайсың, мен күйөөгө чыксам сыйдын алдын сен көрөсүң, Камчыны чоңойтуп үйлөнтөбүз, - деп Миразим жаркылдай таежесин кучактап өөп койду. Абайлап карап көрсө, чын эле жүзү кубарып кетиптир, арыктап да калганын байкады. Бечара кыз ыйлагысы келип кетти, "Апамдын ордуна апа деп жүрдүм эле го, сакайып кадимкисиндей болуп кетсе экен", - деп ойлоп, - Таеже, тамакты жакшылап эле ичип-жесең, сен ооруп калсаң биз кантебиз, өзүңдү жакшылап карачы, - деди үстүнө үйрүлө түшүп.

- Жакшы элемин, кичине эле жүрөгүм кысылгансып калат.

- Эртең сизди врачка алып барайын, - деди да Миразим Сезимге жөнөдү. Ал эттүү куурдак кууруп алып, күтүп жаткан экен.

- Келдиңби?

- Келдим, - деп Азатты өөп отура калды. - Азатик, кандай?

- Ушулар менен эле алышып отуруп тажайм, Дастан концертке барабыз дейт, буларды карай турган киши жок.

- Аскат көп ыйлабайбы?

- Ал жоош, Азат эле, чоңойгон сайын бейбаштыгы чыгып баратат.

- Ой сенин десе, ушунча ээн баш болосуңбу ыя, апаңды кыйнап жатасыңбы? - деп эркелетип койду. Сезим үч жашар, бир жашар эки баласы менен үйдөн чыкпайт. Эми ал сиңдисине карай минтти:

- Арман кандай жигит экен, Мира?

- Билбейм.

- Сага жагабы ал?

- Билбейм, эже, бир көргөн немени билүү кыйын го?

- Ал биздикине көп келет, аябай колу ачык, адамга мамилеси жакшы жигит, жыйырма сегизде, Дастан экөө тең, жакшы кыз болсо үйлөнөт элем деп жүрөт.

- Тааптырбы анан? - Миразим жылмая эжесин карады. Сезим Миразимден алты жаш улуу, жыйырма төрттө.

- Тапкандай…

- Кайдан тааптыр?

- Ушул жактан тапса керек, - деп ал дагы күлүп койду.

- Жакшы болгон экен.

- Сенин жигитиң барбы деги?

- Ушул абалда жигитти эмне кылам?

- Ошо кантип болсун, жашыңда ойноп-күл, жигит күт, ар жак-бер жагын байкап көр, акыры бири буйрук болсо ажеп эмес.

- Көңүл жок.

- Антпе, менимче Арман дурус жигит, бир компаниянын жетекчиси, өз күчү менен ачкан экен, жакшы өнүгүп баратат.

- Анан? - деп күлдү Миразим.

- Күйөө бала кылып алайын.

- Коюңузчу?

- Сен бир көрсөң, мен көп жолу көргөмүн.

- Көрөбүз да, эже, шашпай туралы, - деп күлүп турган кыз дароо сумсая түштү. - Таежем ооруп жатат, эртең врачка көрсөтүп келсемби?

- Эмнеси ооруп жатат?

- Жүрөгүм дейт.

- Кыйын экен, көрсөтүп көр.

- Асел сиздин жаныңызда болсун ээ?

- Мейли, Азатик менен ойной берет.

- Мен барайын, эже, таежемди жакшылап карайынчы, - деп Миразим өйдө болду.

- Барсаң бар, менин айтканымды ойлон, - деди Сезим. - Сени бактылуу болсун деген ой да, өзүңдү-өзүң билесиң, заңгырата үй салдырып жатат.

- Ойлоном, - деп коюп, Миразим сыртка чыкты. "Чынында менин жакшы айтаарым ушулар эмеспи, башка бирөө болсо үйүнө бекер тургузмак беле? Арман деле жаман адам эмес окшойт, таежемдин оорусуна дагы жардам берет", - деп ойлонуп үйүнө кирсе, Камчы сабактан келип, грилден жеп отуруптур. Ашырбү төшөккө жатып алыптыр, кыйналып жаткан экен, аңгыча Дастан келип калды эле шашылыш ооруканага алып жөнөштү. Жүрөктөн кармаган приступ менен оооруканага жаткырып, Миразим жанында калды. Врачтар Ашырбүнү көрүп, операция жасаш керек дегенине ал макул болгон жок. Ошондон бир жума өтпөй ал ары карап кете берди. Ботодой боздогон Миразим сөөктү айылга алып кетти, таежесин ыйлап-сыктай жайына койгон соң кайра Камчы менен Аселди алып, шаарга келди. Каникул убагында экөөнү өзү карап жатты, Арман күндө бир маал келип турчу болду. Ал үйлөнөлү дегенде Миразим каршы болду, анткени эки баланы ишенип таштай турган эч кимиси жок эле. Ошондой күндүн биринде Шамбет Миразимден үмүтүн үзбөй кайра-кайра келип, ага жолукмак болуп, дарбазаны какты эле Камчы чыга калды.

- Мираны айтып койчу, - деди Шамбет.

- Мира эжемдиби?

- Ооба, айтып койчу, акча берем.

- Азыр айтам, - деп жүгүрүп кирип кетип, бат эле кайра чыкты. - Азыр келет.

- Келе гой, мына буга конфет алып же.

- Сиз кимсиз? - деди бала маңыроо.

- Жезде болом сага.

- Ыкы, - деп коюп он сомду алган Камчы жүгүрүп кетти. Аңгыча ичкериден Миразим чыга калып, Шамбетти көрүп ачуулана басып келди:

- Эмнеге келдиң, мен сага түшүнүктүү эле айткандай болдум эле го?

- Мира, мен сени көргүм келди.

- А менин сени көрөйүн деген көзүм жок, сенин атаңдын азабынан ооруп калып, таежем өлдү, эми сага эмне керек ыя?

- Ачууланбачы эми, Мира. - Шамбет күнөөлүүдөй ага жакындады. - Мен сенсиз жашай албайм!

- Сен мени коюп, иниң менен карындашыңды ойлон, билесиңби сен ошону, акмак атаңдын эки баласын багып жатам!

- Эмне, сен эмне дедиң?

- Таежем менен атаң жашап жүрүп, эки балалуу болгон, эми аларды мен карап жатам, намысың болсо ошол эки баланын тагдырын ойло, мага мындан ары келчү болбо! - деди да, кирип кетти кыз. Шамбет ачуусу менен үйүнө жөнөдү. "Мага эмнеге бул жөнүндө айтышкан эмес, андайын билсем келбес элем го, ушундай дагы акмакчылык болобу? Балдары туруп, ушуларга зыян кылган неме мыкаачы эмей эмине, ошондон туулган мага ким тиймек эле, ата деген сөзгө арзыбаган акмак", - деп ызырынып кетип баратты. Үйүнө кирип келип, апасына бир тийди:

- Атам сенден кеткенде башка аял менен жашады беле?

- Эмне болуп кетти, балам?

- Ошонуң ата деп айтканга татыйбы?

- Түшүндүрчү мындай. - Алия баласына таңгала карады.

- Ал аялдан балдары бар экенин билчү белең?

- Билгенде эмне кылмак элем?

- Жетим калыптыр, тиги аял атам ургандан көзү көрбөй калып, жүрөгү оорукчан болуп өлүптүр!

- Эмне кылайын?

- Апа, намыс деген кайда, ал балдар жанагы айбан эриңдики болуп жатпайбы, убал-сообу кимге алардын, сен энесиң го?

- Деги эмне дегени турасың? - деди Алия аргасы кетип. - Ошол айбан атаңардын азабын тартып карыдым мен дагы, намысты ойлосоң сен ойло, мага азыр эчтекенин кереги жок! - деп сыртка чыгып кетти. "Бечара өлгөн экен да, убалы уктата коймок беле, убалы жетет го акыры", - деп ойлонуп, кайнагасынын үйүн көздөй жөнөдү. Аскат сыртта жүргөн:

- Кел, балам, жөн жай элеби?

- Келдим, аке, кайдан жөн жай болсун?

- Эмне болду?

- Баягы аял өлгөн тура, балдары каралбай калыптыр дейт…

- Ап-бечара-аа, жаны жаннатта болсун.

- Шамбет кабарын угуп келип, жинденип жатат.

- Эмне кылмак эле анан?

- Кайдан билейин, өзүңүз сүйлөшүңүзчү.

- Жиберип ий бери.

- Макул, - деген Алия кайра үйүнө жөнөдү, Шамбет көмкөрөсүнөн түшүп жатып алган. - Сени чоң атаң чакырып жатат, ой бала.

- Эмне кылат экен?

- Барсаң көрөсүң да.

- Ушулардыкы өттү, дагы катын ала гой, тигинин кызы бар, мунун кызы бар деп, башты оорутабы аның?

- Кайдан билем? - деп койду Алия, бирок чындап эле балдарды ойлоп жүрөгү ооруп турду, өзү дагы жашынан жетим өскөн эмеспи. Шамбет илең-салаң болуп, Аскаттын үйүнө келди.

- Ой бала, сен кайдан уктуң ал аялдын өлгөнүн?

- Угулат да, келесоо иниңер ата сакалы оозуна бүткөнүнө карабай балдары туруп, көрүнгөн аялга барып, андан балдары турганына карабай жиндилик кылып жүрсө. Ортодо бейкүнөө балдар жетим болуп, как талаада калганы оюнбу?

- Сен, бала, мынча эмнеге ачууланып алгансың?

- Билсеңиз ошолор дагы менин каным эмеспи, атамдын баласы бир тууганым да, эми алар жетимканага түшөт, андан аркы тагдыры кандай болоорун ойлосоңуз кичине.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Менин колумдан эмне келет эле?

- Азыр кимдин колунда экен?

- Миразимдин.

- Алып кел анда, мен өзүм багайын.

- Мага берип коймок беле?

- Анда мен барайынбы?

- Иши кылса ойлонгула да, - деп Шамбет көңүлсүз башын жерге салды. - Кете берейинби?

- Бара бер, - деп койду Аскат. Шамбет кеткенден кийин ал ойлонуп жатты: "Балакет баскыр, аягы сай таппай шимшилеп жүрүп, аны төрөтүп койгонун кара. Эгер алар тентип ар жерде калса эл наалат кылат го, мунун да айтканында чындык бар. Бала болсо да атасына караганда намысы бар, кой, мен туугандар менен кеңешейин, андай калтырганда болбойт. Бала деген бала да, зыяны тиймек беле, эмнеси болсо дагы өз колубузда өссүн", - деп, өзүнөн кийинки инисине барды. Ошентип алар кеңешип, ары айтып, бери айтып жатып, Чолпонбайга бармак болду өзү. Алардыкына келип, куран окуткандан кийин Аскат кеп баштады:

- Чоке, сиз эми көптү көргөнсүз, адам баласы күтпөгөн окуялар болуп кетет экен, иним Мамбет итчилик кылды. Эми анын балдарын биздин көзүбүз тирүү туруп, карабай койсок болбойт. Сиз тиги кызга айтып, балдарды бизге алып бериңиз.

- Ушуга чейин ойлогон жоксуңарбы, жаш кыз ошол эки бала деп эки жакка чыкпай, окуусун сырттан окууга которуп отурат. Силерге береби билбейм, ал абдан намыстуу кыз.

- Сиздин тилиңиз өтөт, балдарды багып отурбай ал өзүнө карасын, жаш да азыр, кантсе да балдар биздики эмеспи?

- Билем, бала силердики, бирок Мира берээр бекен? - деди Чолпонбай жер тиктей. - Мамбет аларга ит көрсөтпөгөн кордук көрсөттү, адамдан мындай айбан чыгаарын билбепмин, көргөн да эмесмин, бечара келин көзү да көрбөй, жүрөгүнөн кетти.

- Анын күнөөсүн биз көтөрөлү эми, бизди дагы намыс тынч койбой турат, атасы айбан болсо биздей аталары бар, айтып бизге жообун бериңиз эми, балдарды өз колубузга алалы.

- Айтып көрөйүн, кийинки жумада өзүңөр кабар алгыла, - деген жоопту алып, Аскат үйүнө кайтты.

Бул убакта Арман Миразимге үйлөнөлү деген сунушун айтып, шаштысын алып жаткан эле. Миразим ага көнбөй жатты:

- Мен ушул экөөнү чоңойтуп, анан күйөөгө чыгам, болбосо жок, убара болбоңуз.

- Кантип, ушул бойдон жүрө бермек белең?

- Ооба, пешенеме жазганын көрөм.

- Эки баланы экөөбүз багабыз, азыр алар жаш го, жүрө беришет. Мирочка, мен сенсиз бир күн да туралбайм, атамдар камынып коюшту, келинди алып келсең болду деп жатышат.

- Жок, мага убара болбогула, булар менин тагдырыма пайда болгон соң ушулар менен бирге болом. Сиз дагы бир күнү буларга жаман айтасызбы же экөөбүз ушул балдар үчүн жаман көрүнүшүп калабызбы ким билет, андан көрө башка жактан бакыт издей бериңиз.

Көшөрүп болбой туруп алган Миразимге Сезим дагы далай сөз айтты.

- Буларды мен карай берем, кийин Арман экөөңөр келгенде алып кетесиңер, - деди ал.

- Жок, эже, балдар томсоруп калат.

Ары тартышып, бери тартышканча убакыт кеч күз жетти, эми Арман аны ала качып кетмек болуп калды. Дастан, Сезим болуп сүйлөшүп, бир сөзгө токтошкон, эки күндөн кийин кызды алып кетмек. Ошол күнү Чолпонбай келип калды. Миразим өз бөлмөсүндө китеп окуп отурган эле, аны Сезим келип чакырып кетти. Миразим Чолпонбай менен учурашып отургандан кийин:

- Кызым, мен бир иш менен келдим, - деди тамагын кыра. - Бул балдарды Мамбеттин агасы бизге бергиле, өзүбүз багып чоңойтобуз деп мага барыптыр. Мен сенден сурайын деп келдим, сен азыр өзүң баласың, түйшүк тартып калганыңа менин дагы зээним кейип турат, эмне дейсиң? - деди.

- Чоң ата, алар бул экөөнү жакшы көрөт дейсизби?

- Жакшы көрөбү, көрбөйбү өз каны, өз тукуму эмеспи, кызым, сен тарбиялаганга жаштык кыласың го?

- Камчы өтө шок, кыялы чатак, алар муну батырбай койсочу?

- Анда атасын нак тарткан го? - дегенде кыздын жаш жүрөгү зырп этип кетти. "Чын эле, андай кежир адам болсо кантет, өзү дагы атасына абдан окшош. Таежем болгондо бермек эмес, алар дагы келе албайт эле да, эмне кылсам экен, барып көрүп турсамчы, экөөбүз эки бир тууган эже-сиңдинин балдары болсок. Мен карай албай берип ийгеним болобу, жо-ок мен аларды көзүмдүн карегиндей карап багамын, эч кимге бербейм", - деген ойго токтоду.

- Ата, - деди Миразим, - бере албайм, эптеп бага берем. Бекер убара болупсуз да, жөн койсоңуз болмок экен.

- Жаман атасы эки жылдан кийин келип алып, дагы бирдеме деп жүрбөсүн, балам. Бөрү баласы ит болбойт дегендей сага булар эл болбойт, атаңдын бир тууганынын баласы болсо бир жөн. Булардын урук-тууганы сага өч, балам, тийишип жүрбөсүн? - дегенде Миразимдин жүрөгү кайра зырп эте түштү. "Чын эле Мамбеттин камалганына үч жыл болду, эки жылда келип калса… ", - деп коркуп, Мамбеттин баягы өзүн чечиндирмек болгону көз алдына келип, алаңдай түштү.

- Эмне кылаарымды билбей калдым, ата?

- Айланайын десе, сен азыр жашсың, өз келечегиңди ойлошуң керек, балдарды өз тууганына бер, балам, - деди Чолпонбай ийиге түшкөн кызга карап. - Сени атаң мага тапшырган, кор болбой окуп-чокусун, адам болсун деген.

- Макул, чоң ата, берип койойун ээ, Мамбет келсе да издеп таап алып, жаман айтып жүрбөсүн, тынч эле болоюнчу.

- Ошент, кызым, эмитен бала багып, түйшүк тартып жүдөп жүргөнчө окууңду окуганың жакшы эмеспи, - деп Чолпонбай кубанып кетти.

- Таежем капа болбос бекен?

- Таежеңдин арбагы деле билип, ыраазы болот, кызым, уул баланы тарбиялай тургандары бар болгондон кийин кармабай эле кой.

Көпкө сүйлөшүштү, Сезим атасын коноктогону тамак асып, алардын сөзүнө кулак төшөгөнү менен киришпеди. Дастан да жумуштан келип, тамак бышканда Сезим Камчы менен Аселди өзү алып келди. Экөө тыпыя Миразимдин жанына отуруп, тамак ичишти. Эч кимиси үндөгөн жок, жатаарда гана Миразим экөөнү ээрчитип, өз бөлмөлөрүнө кетишти. Эртеси Чолпонбай айылга кетти. Ал келээри менен Аскат келип, анын жообун уккандан кийин өзүнүн аялын, инисин ээрчитип, Миразим жашаган үйгө келишти. Миразим унчукпастан балдардын кийим-кечесин даярдап, өздөрүн жуунтуп, таза кийинтип туруп, кошуп берди. Алар кетип жатканда көзүн жашылданта карап туруп калды эле:

- Мира эже, бизди каякка алпарат? - деди Камчы ыйламсырай.

- Жүрү, уулум, мен сенин атаң болом, кеттик үйгө! - деди Аскат колдон ала.

- Мен сенин апаң болом, үйүбүзгө кетели, - деп аялы бир жагынан кармаганда:

- Жо-ок, калп айтасыңар, апам башка, ал келет! - деп бакырган Камчы Миразимге жулунду. Асел дагы ыйлап кирди:

- Бизди кетирбечи, Мира эже, апамды келет дебедиң беле? - Миразим жетип барып, экөөнү кучактап, солкулдап ыйлап жатканда тигилер карап туруп калышты.

- Мен артыңардан барам ээ, Арман келсе экөөбүз барып алып келебиз, макулбу? Азыр ыйлабай жакшынакай болуп барып тургула, мен артыңардан барам, - деп экөөнү тең бетинен өптү. Анан балдарды туугандарына карматып, өзү артка кайрылып жүгүргөн бойдон дарбазадан кирип кетти. "Баары бүттү, апамдан айрылганда жаш болгом, эми башыма жалгыздык түштү, айрылдым баарынан, ишенерим жок калдым", - деп жатып алып, боздоп ыйлай берди. Сезим анын ыйлап жатканын көрүп: "Бугун чыгарып алсын, буга да кыйын болду, жөлөнөөр эч кимиси жок, көңүлүн көтөрө турган бизден башка ким бар?" - деп көпкө тим койду. Кечке маал кирип, жанына отурду, Миразим чалкасынан жаткан, көздөрү кызарып, шишип калыптыр.

- Мира, жаным, эми ыйлаба, балдар ишенимдүү колго барды, сен балалык кылмаксың, ата-энеси багып-кагып алат, андан көрө өзүңдү да ойлон, жашсың, келечегиңди өзүң тандашың керек, - деди аста сүйлөп. Сезимдин апасы Чачыкей жакшы аял болгондуктан апасын тартканбы боорукер, жумшак эле.

- Ишенимдүү экенине көзүм жетпей турат, кор кылып койор бекен, эже? - Миразим кайра буркурап ийди.

- Кабатыр болбо, кантип эле өз тукумун кордосун? Сен антип көп ойлоно берсең ооруп каласың, жүрү үйгө кардың ачты го, балдар да ойгонуп калгандыр, Дастан келе элек, - деди Сезим аны кучактап, чачтарынан сылай.

- Сиз бара бериңиз, мен бир аздан кийин барам.

- Макул, көп ыйлап өзүңдү кыйнаба ээ? - деди да, Сезим үйүнө кетти. Миразим ордунан туруп, өздөрү менен ала келген апасынын сандыгын ачты. Анын эң түбүндөгү атасы менен апасы чогуу түшкөн сүйрөттү алып сылагылап: "Неге, неге мени жападан жалгыз таштап кеттиңер, бул дүйнө силер үчүн тардык кылдыбы, апа, ата? Мен силердин мээримиңерге зар болдум, үнүңөрдү угууга зармын, менин боздоп отурганымды сездиңер бекен?" - деп көз жашы мөндүрдөй төгүлүп, ыйлап отурду. Андан кийин дагы карап, эски альбомду алып чыкты. Жаш кезинде экөөнүн колтукташа түшкөн сүрөттөрү, Миразимди кичинекейинде көтөрүп түшкөн экөөнүн сүрөтүн көрүп жылмаюу каптады жүзүн. Басып калган кезинде ортого алып да түшүптүр, бир сүрөтүндө Миразимди экөө колдон ала ортого алып күлүп түшүптүр. Кыязы кызынын кыял-жоругуна бактылуу болуп кубанып турган го, аларды көрүп өзү да жылмайып алды. "Менин алтын ата-энем, неге ушул бактыңар көпкө созулбады экен? Азыр менин бой жеткенимди көрсөңөр кандай сонун болот эле, анда мен жалгыз болбой дагы бир кыз же уулуңар болмок, бактылуу үй-бүлө болмокпуз", - деп ойлуу отурганда Арман менен Дастан акырын башбагып, үнсүз карап турушту. Бирдеме демек болгон Арманды Дастан унчукпа деп койду, унчукпай карап турушканда Миразим сүрөттөрдү бирден сылап-сыйпап жатты. Анан ата-энесинин сүрөтүн карап: "Мен силерсиз жападан жалгызмын, мени таштап өз дүйнөңөрдө жакшы жүрөсүңөрбү деги? Бу дүйнөдө көпкө жашай албадыңар, ал дүйнөдө бейиште болсун жаныңар, менин алтындарым, асылдарым, эң кымбат адамдарым", - деп сүрөткө жүзүн тийгизе кайрадан өксөп ийди да, шарт ордунан тура калып, сандыкка салып, бекитти. Ошондо гана экөө эч нерсе билбегендей болуп кирип келишти:

- Мира, кандайсың?

- Жакшы, - деп жүзүн ала качты кыз.

- Мира, жүрү концертке белет алып келдим, барып келели.

- Көңүлүм жок, баргым келбейт.

- Белет алып койбодум беле?

- Өзүңөр барып келгиле.

- Болбойт, чогуу барабыз, Сезимдер дагы барат.

- Чын эле барабы? - Миразим ишенбегендей жалт карады.

- Ооба, биз дагы барабыз, - деди Дастан.

- Сезим эжем барам дедиби?

- Ой сага кантип калп айтмак элек, чогуу баралы деп чечтик, жүрү даярданалы.

- Азыр анда, мен барып калам.

- Макул, - дешип, эки дос кетип калды. Миразим бир аз ойлонуп турду да, анан бети-колун жууп, күзгүдөн шишиген көздөрүн карап коюп, кийимин алмаштырды. Чачын өрүп артына түйгөн соң үйүн жаап, тигил үйгө барды.

- Кел, Мира, кардың ачты го, эртеден бери эчтеке ичпедиң, - деп Сезим аны жылмая карап, алдына тамак койду.

- Эч нерсе ичким келбейт, чай эле ичейинчи.

- Анда эртерээк чыгалы, бир жакшы кафеден эле тамактаналы, Мирочка жаккан тамагын ичсин, - деди Арман беркилерге карап.

- Баары бир эчтеке жүрөгүмө барбайт, убара болбоңуз.

- Ошо кантип болсун, мен сыйлайм силерди, а менин коногум мен айтканды угууга тийиш, кеттикпи анда?

- Жарайт-жарайт, сени укпаганда, - деди Дастан ордунан тура. - Балдарды кийинттиң беле?

- Ооба, биз даярбыз.

- Анда болгула кеттик, - деп Дастан улуу баласын көтөрүп, эшикке чыга жөнөдү. Эки машина менен ээрчишип кетип баратышты: Миразим Армандын жанында, Дастан өз үй-бүлөсү менен. Бир кезде жол боюна токтоп, "Сайран" кафесине киришти. Миразим уялганынан эптеп тамак ичип отурду, чынында баары эле ток, Миразимди гана карашкандай түрлөрү бар. Кафеде бир сааттай отурушту, ырдап жаткандарды карап, өткөн-кеткенден кобурашып коюп, Миразимге көз кырын салышат. Көптөн кийин гана аерден чыгып, филармонияга келишти. Эл кирип баштаган экен, балдарды алмак-салмак алып отуруп, концерт көрүштү. Сезим:

- Ой ушу азыркы ырчылардын жасалмасы өтүп кетет да, - деп калды, - Эс албай эле чарчайсың.

- Жакпай калдыбы?

- Эмнеси жагат, ооздору музыкасынан артта калып жатса, дагы жылдыз болуп кетишет.

- Макул эми чыда, Миралар көрүп жатпайбы? - деди Дастан.

- Жезде, дегеле мага жакса кудай бар, зорго отурам, - деди Миразим эңкейип шыбырай:

- Анда кеттик, - деди Арман зорго отурган белем.

- Антракт болсун эми, дүпүрөп элдин кыжырына тийбей.

- Чыгып кете береличи, - деп Сезим акырын өйдө болду, аны менен кошо туруп, чубай чыгып кетишти.

- Ушуну үчүн артисттерди көргүм келбейт, үнү эмес эле акча менен жаздырып алышса болду.

- Арасында тандалып чыгаары бар дечи, ашыкчалары жакпайт, жаш болсом да эски ырларды жактырам, - деди Миразим.

- Эскини да ырдап жатышат, дегеле окшошсо кудай бар эй, аны да жаңычалатып алышат экен, кайран ырды кор кылып, - дешип машинага жеткиче сүйлөшүп келишти. Миразим Дастандын машинасына отурмак болду эле:

- Мира, биз чогуу кетебиз, - деди Арман.

- Сиз кетесиз го дедим эле.

- Жеткирип, анан кетем да.

- Отура бер, коркпо, - деген Дастан үй-бүлөсүн машинеге салып, алдыга жөнөдү. Арман Миразимди жанына отургузуп, өзү рулду ары-бери бура сүйлөп баратты:

- Мира, эртең сени ата-энеме тааныштырайын…

- Коюңузчу, азыр болбойт.

- Эмнеге?

- Мен даяр эмесмин.

- Жөн эле таанышып кайра келесиң да.

- Жок.

- Макул дечи эми.

- Жок-жок, болбойт.

- Суранам.

- Укпайм.

- Суранам, бир жолу эле.

- Өзүм айтам ээ?

- Алар күтүп жатышат.

- Эмнеге?

- Келинибизди көрөбүз деп.

- Кызыксыз го…

- Чындыкты айттым да.

- Али келин боло элекмин да.

- Мира, сиз дебей эле сен дечи.

- Ийи.

- Биз жакшы тааныш болуп калбадыкпы?

- Баары бир.

- Же ошончолук картаң көрүнөмбү?

- Жо-ок, - Миразим бүлбүл жарыкта жылмайып алды. - Картаң көрүнбөйсүз, болгону менден улуусуз.

- Чал эмесминби деги?

- Ким чал деп жатат сизди?

- Чын эле сен дечи, жаным Мирочка.

- Макул, ооз көнүп калган да, - деп күлүп калды кыз.

- Сен эле дей бер мындан ары, биз буйруса мындан ары бирге болобуз, жетимдер бириксе кандай гана болоор экен, - деп койду күлгөн Арман.

- Жетим?

- Сен экөөбүздү айтам.

- Аа-а, мен өзүмдү жетим деп эсептебейм, ата-энемдин сүрөттөрү ар дайым жанымда, анан дагы жетим деп эч кимден укпаптырмын.

- Кечирип кой, жөн айта салдым, мени деле айткан эмес дечи, мындай алганда жетим экенмин, - деди Арман эми өзүн гана айтып. - Мирочка, качан уруксат бересиң?

- Эмнеге?

- Үйлөнгөнгө.

- Менден уруксат алмак белеңиз?

- Сен макул болсоң эле алып кетмекмин.

- Бир аз койо туруңуз.

- Сиз дебей сен де.

- Кечиресиз.

- Ой шайтан кыз десе, - деп Арман күлө карады, караңгыда жолдогу жарыктардан улам тиштери кашкая көрүндү.

- Болуптур эми, бир аз чыда.

- Канчага?

- Бир ай.

- Оо-уу!

- Азбы? - деди кыз кыткылыктап күлө.

- Узак да бир ай.

- Анда эки жума.

- Ал дагы узак.

- Андан кыскартууга болбойт.

- Азыр алып кетем.

- Жинди болбоңузчу! - деп Миразим ыйламсырап ийди.

- Болуптур анда, үч күндөн кийин.

- Ойлоноюнчу…

- Мына, үйгө дагы келип калдык, үч күндөн кийин келем, - деп машинасын токтото Миразимди түшүрүп, эшиктен киргизип ийип, - Көрүшкөнчө, жаны! - деп жылмайган Арман кайра машинасына отурду.

- Көрүшкөнчө, - деп Миразим өзү жашаган времянкага кирди. Ал кирип эле үстөлгө шалдая отуруп калды, жалгыздык аны ушул мүнөттөн баштап баштан-аяк чулгап алгандай болду. Төр жакты карады, таежеси жатчу орун, төшөк жыйылуу, бул кезде быйпыйып эч нерсе менен иши жок уктап жатчу Камчы менен Аселдин орду бош. Туруп барып сырткы эшигин бекитти, эмнеден корккону белгисиз, балким жөн эле бекитип койгусу келдиби, аны өзү да сезген жок. Кулак-мурун кескендей баары тымтырс. Жан дүйнөсүндө алай-дүлөй бороон удургуп, аяздуу түндө суукка кайыккан коен сымал бүрүшүп, бурчка отуруп алды. Бала кезинен бирге өсүп калган жакындарын жоготуу оор экенин эми гана түшүнүп турду. "Жараткан, неге мени жападан жалгыз жараттың экен, ата-энемден жок дегенде экөө болсок болмок, аны эч ким менден тартып албас эле го", - деп ойлонуп отурган жеринде уйкуга кирди. Ал түш көрүп жатыптыр: эшиктен таежеси менен апасы аппак кийимчен болуп кирип келишет, алардын артында атасы да жүрөт. "Кызым, мынча неге кайгырып алгансың, жалгызсыраба, каралдым, сен аябай бактылуу болосуң, көп ойлонбо", - деп апасы башынан сылады. "Башыңды көтөр, ордуңа жатып эс ал, кызым, өжөрлүгүңдү кой. Адам пенденин баардыгы жалгыз, сен ошону жакшы түшүн, жалгыз төрөлүп жалгыз кетет, эч ким аралжы болбойт. Чын дүйнөдө да ар пенде жалган дүйнөдө кетирген күнөөлөрүн өзү гана көтөрөт. Сен узак жашап, бактылуу болосуң, мына муну алып алчы, кызым, колуңдан түшүрбө", - деп отурган жеринде этегине үч алма салды, бирөө сары, экөө кыпкызыл экен. Алмаларды кызыга кармалап: "Апа, бул алмалар го?" - деп апасын карай койойун десе эч ким жок, колундагы алмаларды бооруна бекем кыскан бойдон: "Апа-а!", - деп бакырып ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап калыптыр, тура калып эшигин караса, илинген бойдон туруптур. Өзүн токтото суу ичип, колдорун карады. Эмеле колуна алган алмалар көзүнө элестеп кубанып кетти. "Алтындарым, менин асылдарым, кыйналганымды билип келген экен го", - деп көзүнөн дагы буурчактаган жаш тамчылады. Саатты караса жарым саат да уктабаптыр, он экиден он мүнөт өткөндө караган саат он эки жарым зорго болгон экен. Орун салып жатты, бирок уйкусу качып, көпкө уктай албады, бир кезде арсыз уйкунун жетегине сүңгүдү.

- Мира, Мира, а-ач! - деген үндөн ойгонуп кетсе, күн көтөрүлүп калган экен, ыргып тура калды. Сырттан кыйкырган Дастан болчу. - Мира, ойгондуңбу?

- Ооба, жезде, азыр чыгам, - дегенде гана Дастан кайра үйүнө кирип кетти. Миразим туруп кийинип алып, бети-колун жууп жатып: "Апакем менин, бактылуу болосуң деди ээ, Арманга макул боло бергеним дурус го", - деп ойлоду да, көңүлдүү эже-жездесине кирип барды.

- Эмнеге жалгыз жатып алдың? - деди Сезим аны көрүп эле.

- Жалгыз жаткым келди.

- Кой антип жалгыз жатпай жүр, биз турбайлыбы? - деп Дастан да ага карады. - Сен антип жүрсөң ооруп каласың, корккон жоксуңбу?

- Эмнеден корком, жезде, сиздер турбайсыздарбы? - Миразим жаркылдай күлүп койду.

- Макул эми, бүгүндөн баштап аякка кирчү болбо, ал үйдү жыйып, баарын түйүп коюш керек, - деди Сезим.

- Бүгүн эле бууп-түйүп койгула.

- Макул эми, ал үйгө кирбейм, бир аз күн тура турсун.

- Макул, бүгүн силерди бир базарлатып келейин. Баса, Мира, Арман сени сөйкө салып, анан алып кетейин дейт, не дейсиң?

- Дастан, андай болсо атамдардын колунан алып кетсин, сен экөөбүз жаштык кылып койбойлу, атамдар өздөрү ырым-жырымдарын жасайбыз деп жаткан, - деди Сезим күйөөсүн олуттуу карап.

- Анда бүгүн базарга барып кийингиле, керектүүнү алып, атамдардыкына барабыз. Чын эле кызын биз узатып ийсек, чал-кемпирди тоготпогондой болобуз да, - деп Дастан күлүп калды. Алар саат ондордо жолго чыгып, Дордойго келишти, кийим-кечени Миразимге дагы бир сыйра, бутунан башына чейин алып беришти. "Мага кереги жок, кийимдерим бар го", - деп кыйылганына эч ким көнбөдү. Түш оой үйүнө келишти. Ошол убакта Дастандын телефону чырылдап калды, бул Арман болчу, сыртка чыгып:

- Угуп жатам, Арман, - деди.

- Кандайсың, жезде, эмне кылайын ала качайынбы же жол-жосунун жасайбызбы?

- Кыздын жол-жосуну толтура, оңой колго түшөөр кыз жок, күйөө бала, биз бүгүн кайнатаныкына кетебиз, эртең ошол жактан өз сыйыңды кылып, алып кетесиң.

- Баракелде, жезде, болду-болду, анда мен бүгүн даярдана берейин, - деп Арман кубанып кетти.

- Ой, канча киши барасыңар?

- Сүйлөшөбүз да.

- Жарайт, анда биз дагы даярдык көрө берели, - деп Дастан телефонун өчүрүп, үйгө кирди. - Балдардын кийимин ал, тезирээк жолго чыгалы, Арман эртең бармак болду.

- Жезде, шаштырып жаткан жоксузбу?

- Ой балдыз ай, балдыз, мен эмес Арман шаштырып жатпайбы? - деди бакылдаган Дастан. - Сени бир атактуу айымдай узатпасак элеби, андай бай, колу ачык жигитти эч жерден таппайсың, күчүн бир көрөлү, ал азыр сен үчүн баарына кайыл болуп жатат.

- Ошондо деле…

- Кабатыр болбо, камынтпай келдиңер деп атамдар урушпаса болду, - деди Сезим.

- Барып көрөлү, кеңешели.

- Тезирээк чыгалы ээ? - дешип үй-жайын бекитип чыгып, машинага отурушту. Айыл эли күн баткандан эле чай-пайын ичип, жатууга камынат эмеспи. Чолпонбай менен Чачыкей дагы эки небереси менен күүгүм ченде тамактанып болуп, эми жатканы калган экен, эшигине келген машинанын үнүнөн улам Чолпонбай чыга калып, кыз-күйөөсү экенин көргөндө чочуп кетти. "Ботом, мынча кеч эмнеге келишти экен?" - дегиче Дастан кош колун суна кайнатасына салам айтты.

- Ассалому алекум, ата. Кандай, жакшы турасыздарбы?

- Келгиле-келгиле, балдар, кеч чыккансыңар го?

- Келип калдык, ата. - Дастан машинанын артынан коробкаларды түшүрүп жатты. Ал дасторконго койчу таттуу менен өрүк-мейиз, жаңгактар эле.

- Той өткөрчүдөй болуп…

- Ата, буйруса той болот, - деди барпалаңдаган Дастан. Үйгө кирип жайланышкан соң болгон ишти айтканда Чачыкей ыргып кетти:

- Ботом, кыздын аки-чүкүсүн жасаш керек эле да, эртең эле келип алып кетем дегени эмнеси?

- Ээк, кемпир, өлүк менен кыздын камылгасы бүтпөй койчу беле, акча бар, даяр сеп сатылып жатпайбы. Эртең менен Дастан, Сезим үчөөң кайра шаарга барып, жүктөп келе калгыла, бияктагыны келиндер бар, колу-коңшу турат, даярдай койобуз, - деди Чолпонбай. - Колдо жок болсо бир жөн, кызымды айыл бүт дүңгүрөгүдөй кылып узатабыз. Медет байкушумдун дагы көңүлү тынч алып тынч жатып калсын, тирүүнүн карызынан өлүүнүн карызы кыйын, көзү тирүүсүндө мага дайындаган эле, - деди ойлуу, анан алып келгендеринен дасторконго койдуруп, өзү куран окуду. Миразим ушул ата-энесине багышталган куранды алаканын жая: "Атакем, апакем, жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун, жалгызыңар чоочун босогону аттаганы турат, алыңар жетсе ак батаңарды берип, ыраазы болгула, бу дүйнөдөгү билип-билбей кетирген күнөөңөрдү кудайым өзү кечирсин", - деп көзүнө жаш тегерете жүзүн сыйпады. Ошол эле түнү Дастан Арманга телефон чалып, бир күн кийин келгиле деди эле ал ыргып кетти. Дастан баарын түшүндүргөндө гана макул болду. Ошентип Миразимди узатуу үчүн Чачыкей таң эрте туруп, эки келинин чакырды, коңшуларын да чакырып дайындады. Сезим экөө кайрадан Бишкекке жол тартып, Мадина, Дордой базарларын кыдырып, кыздын себине ылайыктуунун баарын алып, кеч күүгүмдө гана келишти. Өзүнө арнап алынган септи көргөн кыз:

- Мынчалык эмнеге чабылдыңыздар, көп го? - деди Чачыкей чоң апасына.

- Айла-анайын десе, менин экинчи кызым сенсиң, эки уулум бар, агаларың өздөрүнчө алып келет, Сезим жалгыз эле эми сен анын сиңдисисиң. Таежеңден тартып ала албай эле тим койгонбуз, болбосо кичинеңден өзүм бакмакмын, - деп бооруна кысып, чачынан жыттады. - Барган жериңден бак айтсын, кызым.

- Рахмат, апа, өмүр бою ыраазымын сиздерге, - деп дагы көзүнө жаш алды, дээринде бар кыз, бирок кенедейинен бир топ кыйынчылык тартып калганга өтө жашык.

- Кой, садага, жашык болбой жүр, жаңы гана турмуш босогосун аттаганы турасың, кыз кетээринде артына ый таштабай, күлкү таштаганы жакшы, өзүң билип-көргөн жигитпи деги?

- Ооба.

- Анда ыйлаба, кызым, - деди да, Чачыкей Миразимди сооротуп коюп, сыртка чыгып, жасалып жаткан иштерге баш-көз болуп, текшерип жүрдү. - Келиндер, боорсогуңар ала бөйрөк болбосун, отту чоң жагып, жакшылап бышыргыла, уяттуу адамдар келет.

- Ой апа-а, биз деле билебиз го? - деди улуу келини күлө карап.

- Ошентсе дагы айтып койойун, балам. - Андан ары жакта коңшуларынын балдары отун жарып, суу ташып жатышкан. Айылдын эли биринен-бири угуп, кеп-сөз кылып, оңуп калышты.

- Баягы Медеттин кызын Чолпонбай өз колу менен берип жатат дейби ыя? - деп бири-биринен сураса:

- Ооба, жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт деги чын экен, байкуш ыраматылык Медет тирүүсүндө эле Чолпонбайды агалап жүрчү, - деди бири.

- Өзү өлсө да жалгыз кызын агасы өз кызындай узатмак болуптур, Чачыкей дагы жакшы аял да.

- Ой кокуй күн, Медеттин мал-кели бар эмес беле, баары Чолпонбайда калган имиш, ушунча жылдан бери пайдаланып келе жатат, арбакты сыйлап ошентип жаткан чыгаар?

- Ошо арбакты сыйлаганы адамгерчилиги эмеспи?

- Туура, өзү да жакшы адам, - деп акыры айтаар сөздөрү түгөнгөндөй отуруп калышты. Бирок баары бир адам аласы ичинде, мал аласы тышында дегендей бири көрүп айтса, бири көрө албай, далай кеп-сөз болуп жатты. Эртеси түш оой кудалар төрт машина менен келип калышты.

Армандын достору бир машинаны жасап алып, аялдары менен эки машинада, туугандары эки машина болуп келгенде эл жардана карап калышты. Аркан тоскону да болду, акыры тосуп алып үйгө киргизишти. Салтка ылайыктап киргенден кийин адегенде даамга отурушту, андан кийин кызды кийинтип алып келишти эле төргө отургузуп, кыздын кулагына Армандын токсондогу таенеси сөйкө салды. Дасторкон үстүндө бөдөнөнүн гана сүтү жок чиркин, мелтирете жасашкан. Келгендер абдан ыраазы болуп бака-шака түшүп отурду. Бир кезде Армандын атасы (таекеси) тамагын кыра куда-кудагыйын карады:

- Эми-и, куда, кудагый, кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос дегендей Дастан менен Арман дос болуп жүрдү эле, эми кудай кошуп, куда болуп отурабыз. Биздин уулубузга айдай кызды өстүрүп, куштай кылып колуна кондурганы турасыңар, бул биздин келинибизге берген көрүндүк гана, элүү миң сом, калың деген башка болот, - деди кырааты менен сүйлөп.

- Биз кызды калыңга сатпайбыз, куда, балдар бири-бири менен эле бактылуу өмүр сүрүп кетсе болду. Илгертен кызга берет, алса сүт акысы делет, кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт дегендей кадаасын кылганыңарга рахмат, ушу кызымдын көз жашы акпаса болду, - деп Чолпонбай айтканда Миразимдин көз алдына сүрөттөгү отузга чыгып чыга электе өлгөн атасынын элеси келди, ал өзү сүйлөп, кубанып отургандай: "Ата, атакебайым, ыраазы боло гөр", - деп мөлт эткен бир тамчы көзүнөн ыргып кетти. Бир үйдө Армандын достору өздөрүнчө бакылдашып, конок болуп, ага Миразимдин эки--үч классташтары кошулуп музыка коюп, ырдап-бийлеп жатышты. Конок болуп түнү менен отуруп, эртең менен Арман Миразимге деп арнап алып келген той кийимин кийгизди. Жеңелери менен Сезим, Чачыкей баарылап жүктөрүн даярдап таңышты. Кудалары алып келген кийиттерди карап көрүп, өздөрүнүн кийитин алып кирип, алдыга койгондо алар дагы өз милдеттери катары, "Бүчү боого", - келиндерге беш миң сомду ортого койду. Ошентип жаштар ырдап-чоордоп, аккордеон тарткан айылдык жигит "Той ырын" созолонто ырдап турду. Жасалгалуу машинага отуруп жатып, Чачыкейди бир кучактап алган Миразим:

- Апакем, ыраазымын сиздерге, - деп Чолпонбайды дагы кучактап, - Атакем, сиздерге өмүр бою ыраазымын! - деди.

Анан кубанычтан куюлган көз жашын көрсөтпөөгө тырышып, терс бурула отуруп калды.

- Кудай кошкон жарың менен бактылуу бол, садага! - дешип баары жабыла ак баталарын берип узатышты.

Чолпонбай бир жүктөн кутулгандай жеңилдеп калды, анткени ал такыр унутуп, ал тургай Миразимден кабар албай калганда түшүнө Медет кирген. "Тууганым деп ишендим эле, сенден башка жакыны жок эле го, кызымдын ал-акыбалынан да кабар албай койдуң", - деп нааразы болуп түшүнө киргенде гана эстеп, куран окутуп, анан Миразимден кабар алган. Ошондон тарта: "Арбак билет деген чын тура, мен арбак алдындагы кабарды укмайын эсиме албай койгонумду кара", - деп ойлонуп, ичкен тамагына куран окуп, кызды өз колу менен узатууну милдетим деп эсептеп калган. Эми чоң милдеттен кутулгандай эс ала түштү. Андан кийин эки жеңесин жөнөтүү, айыл-апага кыздын тоюн берүүсү калды. Эки-үч күндөн кийин элди чакырып, куда-кудагыйларын чакырып, кыздын тоюн берди. Айыл эли Чолпонбай менен Чачыкейге ыраазы болуп жатты.

- Чолпонбай өзү жакшы адам да, өзүнүн кызындай кылып сеп берип, тоюн өткөрүп, жетимдигин билгизген жок.

- Ооба десең, таежеси болгондо ушинтмек беле, колунан келишинче кылмак да.

- Ал байкуш жаман адамга илээшип алып, ошонун запкысынан өлбөдүбү бечара.

- Оо-ой кокуй күн, ал Ашырбүнү шылтоо кылып, жетим кызды көздөп жүргөн имиш, баягы арак достору айтыптыр. Ашырбүнүн күчү менен эптеп кызды аман алып калбаса, Миразим үчүн аны өлтүрмөк экен, - деди бири үнүн пас чыгара.

- Ии-ий өлүгүңдү көрөйүн десе, баса, анын баласы Мираны ала качып барган экен, бечара качып кеткен тура.

- Ооба, издеп келишкенин көргөмүн, ал тургай качкан кыз үйүнө келдиби деп, издеп келип да кетишкен, Ашырбү байкуш өзү айткан, - дешип узун ушак кепти айтып, эл ичи уу-дуу болуп барып, тынчып калды. Той да болот, тойдун эртеси да болот демекчи, Миразим келин болуп барган үйгө келин көргөнү келгендер жүгүн көрүп, абдан кызыгып жатышты. Идиш-аяктары дагы бүт жаңыча болчу. Баарын Сезим өзү билип: "Мадонна мода болуп жатат", - деп алдырган эле. Армандын бактысында чек жок, бир жумадай жумушуна чыкпай телефондон сүйлөшүп жатты. Анын өз кадыры бир топ эле, жаш болсо да эл оозуна алынган жигит экен, кызматтагылардан бери куттуктап келип, ал тургай бир досу ага үй белек кылды, бири машина белек кылды. Ошентип Миразим бактылуу келин болду. Бирок ал бактысына манчыркап жатып калбай Камчы менен Аселди көп ойлоп: "Алар кандай күндө калды экен, жүдөп калышпады бекен, уруп-согуп койдубу, же тамактан кемидиби?" - деп сары санаага батып жатты.

Армандын апасы Зарыл дагы жоош-момун аял, өзүнүн бир уул, бир кызы бар, кызы Армандан кичүү, абдан эрке, күйөөгө тийсе деле ата-энесине эркелеп турат, ар нерсе сурап, айрыкча акча сурап келе берет. Арман ага өзү эле көргөн сайын колунан келишинче акчаны суратпай берип койчу. Адеми Миразимди көргөндө эле негедир жактырган жок. Атасы Абылжан бир тууган карындашынын баласын өз баласындай өстүрдү. Арман үч жашында калгандыктан эчтеке билчү эмес, чоң апа деп жүргөн кемпирдин таенеси экенин чоңойгондо гана билди. Бирок эстүү бала ата-энесинин көңүлүн ооруткусу келбей билмексен болуп жүргөндө ошол чоң энеси ага бир күнү баарын айтып берген, өздөрү ойлонуп ачык айтууну эп көрүшкөн сыяктуу. Абылжан келин-той берди, кудалары менен туугандары келип жатышты:

- Келин кут болсун!

- Келиниңер ыймандуу, ырыс кешиктүү болсун.

- Айтканыңар келсин, - деп Зарыл чечекейи чеч боло кубанып, келгендерди кабыл алып жатты. - Жүгүнүп кой, садага, булар сенин чоң апаларың, бул кудагый болот жүгүн, айланайын.

- Түсү ийгиден түңүлбө дегендей кудай ыйманы ысык келиндүү болупсуң, кут болсун! - деди өзүнөн улуу абысыны.

- Кудай кут кылсын, жеңе.

- Ыймандуу болуп, Абылжан экөөңөргө ысык чайын сунуп турса болду.

- Айланайындар, айткан жакшы тилегиңерди берсин, уул-келиним бактылуу болушсун, - деп Зарыл жетине албай жатканда Армандын достору, классташтары чогулуп келип калышты. Ошол эл келин көрүп келген учурда эле Арман үйлөнүү тоюн Бишкектен өткөрөөрүн айтты. Үч күндөн кийин келин тойдун арты суюла баштаганда Арман Миразимдин жанына кирди:

- Зерикпедиңби, Мирочка? - деп кучактап өөп, ээн боло калганда эркелете кетти. - Бактылуусуңбу, жаны?

- Айтпайм, азыр бирөөлөр кирип келет, - деп келин наздуу жаш күйөөнү ары түртүп койду.

- Ну и пусть, мен өз келинчегимди эркелетип жатам. - Арман болбой эле келинди имере кучактап алганда сырттан Зарылдын үнү угулду.

- Биякка киргиле, келин биякта, - дегенде Арман шаша эшикке жөнөдү, Миразим күлүп кала берди. Жоолугун ылдый кылып жүгүнгөнгө даярданып калды, жүрөгү элеп-желеп, күйөөсүнүн өзүнө жете албай жатканына күлкүсү келди. Алыш-бериши көп, каттоолору келип бүтө элек болгондуктан түн бир оокумга чейин эл үзүлбөй жаткан эле. Эшиктен кирген аялдарды көрүп эле жүгүнүп калганда:

- Бар бол, айланайын, алганың менен тең кары! - деди таяк таянган кары кемпир. Бул Зарылдын бир тууган жеңеси эле.

- Айтканыңар келсин, жеңе, - деп Зарыл артынан кирип келе жатып божурады. - Айтканыңар келип, уул-келинимдин колдору кармашкан бойдон арып-карысын.

- Ооба, айланайын, эне-атанын тилеги бир башкача го аттиң, бала деп баарына даяр турган өзүңөргө күйүмдүү болсун, - деп кемпир төрдөн орун алды. - Оо кокуй. - Ал бирдемени эстегендей чочуп кетип келинин карады. - Мени убара кылбай эле жоолукту өзүң сал эми, - Кемпир күлүп калды. - Отуруп алганымды кара.

- Мен салып койом, апа, - деди келини. - Бул апамдын өзүнүн алып келгени, - деп Миразимдин башына чоң аппак жоолукту салды, андан кийин эки келин жоолук салып, кемпирден ылдый отурушту.

- Тойдун учурунда үйдө жок элем, угуп алып жетип келдим, - деп кемпир кемшеңдей боорсоктон бүйлөсүнө салып чайнаган болуп жатты. Миразим өзү тура калып, чай куйду. Ал ушул күндү өзүнүн эң унутулгус бактылуу күнүм деп эсептеди, бирок дароо эле эсине Шамбет түштү, кантсе дагы балалык таза сезими менен сүйгөн эмеспи. "Тагдыр бизди кыйчалыш жолдо жолуктурду, мен ага нааразы эмесмин, тагдырыма гана нааразымын, мен сүйгөн адам жек көргөн адамымдын баласы болуп калбаганда.. . ", - деген оюн кайненеси бузуп жиберди:

- Киши келе жатат, балам, чоң абаларың болот, жүгүнүп кой эми, - деди кирип келип. Ошондо узун бойлуу, каш-кабагы бийик, сүрдүү, Арманга окшошуп кеткен элүүлөрдөгү киши менен бир аял кирди. Булар Армандын атасынын бир тууганы Зарыпбек эле.

- Бакты-таалайлуу болгула, балам, Арманым кайда жүрөт? - деп ал Зарылды карады. - Бул келинимдин көрүндүгү, - деди да, миң сом карматты.

Аялы жоолук салып, бетинен өөп, төрдөн орун алышты. Ошентип Миразимдин түшкөн жери абдан бакыбат болду, Арман болсо көзүнүн агы менен тең айланып турат. Башынан өткөн күндөрү кечээ гана түшүндө көргөн сыяктанып үрүл-бүрүл эсинде. Кыз ыргыткан таш дегендей каалоо-тилеги аткарылып, сүйүктүү жар болду. Бир-эки жума билинбей өтүп кетти. Арман ата-энесине кеңешип шаарга барып, үйүнө досторун чакырып, койуп, Миразимди алып кетмек болду.

Шамбет жакындары үйлөн десе болбой, же үйдөн чыкпай кабагына кар жаап, тамакка да табити тартпай жүргөндө түрмөдөн кабар келди, Мамбет катуу ооруп, ордунан жылбай калган экен.

- Уулум, жаманбы-жакшыбы өз атаң, алып кеткиле дептир, барып алып кел, - деди Алия.

- Кереги жок мага андай атанын. - Шамбет бурк этип, ары карап жатып алды.

- Түрмөдөн өлө берсин дейсиңби?

- Өлө берсин, өзү кылган күнөөнү өзү тартат да.

- Өлсө да алып келип, сен койосуң.

- Жүзүн көргүм келбейт, апа, андай күйөөгө эмне тийесиң?

- Насип буйруп койсо арга жок да, уулум.

- Бир кеткенде эле ажырашып албайт белең? - деп кыжыры кайнап жатканда эшиктен Аскат кирди.

- Тиги айбанды алып келели, ал таптакыр болбой калган дейт го?

- Каерде экен?

- Молдовановкада.

- Машинага отура алат бекен эми?

- Ким билет? - деп сүйлөшүп, анан жөнөп кетишти.

Эртеси түш оой эчтеке билбей сулк жаткан Мамбетти алып келишти. Алия бир чакан бөлмөсүн бошотуп койгон, ошоякка киргизип, төргө жаткырышты. Доктур алып келип көрсөтүп, дарылатмак да болушту. Эч нерсе сезбейт, дем алганы гана тирүү экенинен кабар берип турат. Укол сайгандан колдору көгала болуп кетти, ошондо да бут серпкен жок. Бир жумадай уколдоткондон кийин жан киргенсип, эти алоолоп ысып чыкты.

- Аа-ай, бутумдан сүйрөп баратат, алып калгыла! - деп жөөлүп кирди. Туугандары тегеректеп эртели кеч жанында, Шамбет үстүнө кирген да жок. "Бактымдан ушунун айынан айрылдым, ата болуп бизди багып койбогону аз келгенсип бактыма балта чапты. Тагдырым дал ошол кызга туш келип калганын кара, анда эмне күнөө, баары ушунун акмактыгында", - деп жек көрүүсү күчөгөндөн күчөдү. Ошол күнү баары уктап жаткан:

- Карма-а! Кармагыла мени, алып кетем деп жатат, сүйрөп баратат, токто дейм, мен сени менен кетпейм! - деп бакырганын угуп, Алия аргасыз ордунан туруп, жанына келди.

- Эмне болду, балдардын эсин чыгардың го?

- Карма мени, алып кетем деп жатат, токтот тигил аялды! - деди эч нерседен кабарсыз талааны карап, көзү аңтарылган Мамбет.

- Далайды куруткан өзүң, адамдай болсоң ушуну көрөт белең, темселеп бала-чака менен ишиң жок, дейди болдуң, - деп Алия жанына отуруп алып, сүйлөнүп жатты. Шамбеттен кичүү балдары да туруп келишти.

- Эмне болуп жатат?

- Эмне болсун, кеселдин кээри го?

- Жакшы болуп кетээр бекен? - деди Айбек кабак бүркөй апасына.

- Кайдан билдим, балам, кудайдын колундабыз да.

- Доктур эмне дейт?

- Карай бергиле, көп запкы жеген деп койду.

- Анда оңолушу кыйын чыгаар.

- Кудай билет, жата бергиле эми, - деп Алия туруп, өз бөлмөсүнө кетмек болуп калганда Мамбет:

- Кой-кой, тийбе мага, мага тийбе, ий бутум-колум, тийбечи мага, кечир мени, кечирип кой! - деп кайрадан жөөлүп кирди. Эки баласы, аялы болуп карап турушту. - Тебелеп жатат, алып койгулачы нары, мобул аял мени сүйрөп жатат, жаным а-ай, кыйнабачы мени! - деп башын эки жакка шылкылдата көзүн акшыңдатып кыйкыра берди.

- Таң атса чоң атаңа барчы, молдо алып келсин, - деп Алия кичүү уулу Каниметти карады.

- Макул.

- Молдо эмне кылмак эле? - Айбек апасына түшүнө бербей карап калды.

- Жөөлүгөнүнө караганда муну жин даарыган го, дем салдыралы.

- Аа-а, - деп койду Айбек. Ошондо эле айыгып калмак беле деген тейде тим болду. Кыймылга келбегени менен сүйлөнүп, бакырып, тынчтарын алып, кыйнап жатты. Эртеси молдо келип, дем салды эле былк этпей жатып калды.

Аскат Камчы менен Аселди неберелерине кошуп багып жатты. Камчы өтө шок, Асел балдар менен ойноп жүрө берет, өтө боорукер, тил алчаак. Аскаттын аялы Бааркан жакшы аял, балага үйрүлүп түшө калып турат, Камчыны бейбаштык кылса да унчукпай:

- Тим кой бала эмеспи, бечара энеси өлбөсө бизге карматат беле? - деп калат. Ага Камчыдан улуураак небереси:

- Аябай бейбаш мунуң, балдар менен мушташып кийимин айрып алат, алы жетпесе деле тырбалаңдай берет экен, - деди бир күнү.

- Ата-аңдын оозун урайын десе, жинди атасын тарткан го? - деди Аскат. - Камчыбек, сен бейбаштык кылба да, уулум.

- Ыкы, өзү тийишип жатпайбы? - деди ал дулдуя. - Мен Мира эжем келсе кетип калам.

- Камчы, аны айтпа, - деди Асел башын чайкап. - Ал бизге эми келбейт.

- Эмнеге, ал биздин эжебиз да?

- Жок айтпа, жаман көрөт, - деп койду бала болсо да бир нерсени баамдагандай.

- Жаман көрбөйбүз, кызым, эжеңер келсе келсин, ал силердин бөлөңөр болот, айланайын, - деп Бааркан Аселдин башынан сылай чекесинен өөп койду.

Алар балага жакшы карашат, карды ток, кийим-кечеси таза. Келгенине эки айдай болуп, Асел апа деп Бааркандын жанынан чыкпайт. Камчы гана эсине кирип калганга балдар менен урушуп ыйласа деле: "Мира эжеме айтам, ал келсе баарыңарга көрсөтөт", - деп үңүлдөп кирет. Ошентип Аскат бир тууганынын көзү тирүү болсо дагы анын балдарын өзү багып жатты. Алияга айткандан тартынды. Элүүгө жашы жеткенче үйүнө баар албай ичип, келсе да тынчтык бербей чаң салып, аялын уруп-сабап, арак ичкен жеринде түнөп, көрүнгөн аялдын үстүнө кирип алып жүргөн инисинин кайдагы бир балдарын ага таңууну туура көрбөдү. "Чоңойсо жок дегенде малга карашпайбы, зыяны тиймек беле, өткүр бала боло турган, тайманбаган эр жүрөк болот. Таштандыга таш тийбейт, бостондууга бок тийбейт дегендей, курама темир курч болот деп, кыйын болот", - деп ойлоп койот. Кээде анын көздөрүн карап алып, өзү селт эте түшөт. Ал жанына келген Камчыны:

- Уулум, окууң кандай, сабак окуп жатасыңбы? - деди эле:

- Мен сабак окубайм, эже-агайдын айтканын эле билип алам, - деди култуңдай.

- Үйгө келгенде эмнеге дептерге жазбайсың?

- Мен мектептен эле тапшырманы аткарып койом, математиканы болсо эжекеден мурун чыгарам.

- Азамат десе, канча алып жатасың?

- Беш алам, бардык сабагым беш.

- Ой бала, калп айтып жүрбө? - деди Аскат күлө.

- Көрсөтөйүнбү, ата? - деп өзүнө караганда баланын өткүр көздөрү жайнап, оттой күйүп турган экен.

- Кана, алып келчи.

- Мына, - деп күндөлүгүн алып келип, ачты эле чын эле беш деген баалары бар экен.

- Ой аз-зама-ат, сен жакшы окуйт турбайсыңбы?

- Окубайм.

- Ийи? - Чоочуп кетти Аскат.

- Мен окубай эле айтып берип койом, - деп компое карады Камчы.

Болоор бала богунан, болбос бала жогунан дегендей кыйын болот бул", - деп ойлонуп калды Аскат. Чынында эле үйгө келгенде сумкасын ачпайт, кээде гана китеп ачып, бирдемелерди жаттамыш этпесе карабайт дагы. Он жаштагы ага караганда өзүнүн андан эки жашка улуу небереси сабакты дурус билбей бырылдап эки-үчкө зорго окуйт. Аскат: "Ушундан бирдеке чыгат", - деп ойлоп, андан ары өз ишине киришти. Ошентип эки баланын тагдыры жакшы адамдардын колунда болуп, күнүмдүк жорго жел сымал убакыт өтө берди. Асел жаңы биринчи класска кирип окуп калган. Бир күнү алардын үйүн ар кимден сурамжылай РАФ минген кишилер издеп келип калды. Алар Арман менен Миразим болчу. Аскат үйдө жаткан, кечке маал болчу, жолдо балдар менен ойноп жүргөн Камчы машинаны көрүп, делдейе карап калды. Миразим жерге түшүп, дарбазаны такылдатып жатканда ал жетип келип, эжесин тааный:

- Мира эже! - деп кучактап алды.

- Камчы, бул сенсиңби? - Ичи билинип калган Миразим отура калып, аны кучактап өпкүлөп жатты. - Чоңоюп калган турбайсыңбы, алтыным десе, Асел кандай жүрөт, ал окудубу? - деп ыйлап жатканда мектептен келе жаткан Асел аларды карап ары жакта турган.

- Асел, Мира эжем келди! - деди Камчы.

- Мира эже-е! - деп Асел дагы Миразимге жабышты. Жолдо ойноп жүргөн балдар үчөөнү тегеректеп карап калышты.

- Кандай, жигит? - деп Арман келип кол сунду эле Камчы аны менен учурашты:

- Кандайсыз?

- Жакшы, окуп жатасыңбы?

- Ооба да.

- Камчы, Асел, - деп Миразим кайра Арманга жылмая карап: - Буларга базарлыктан берчи! - дегенде Арман машинеден чоң чаар сумканы алып түштү. Пакеттерди дагы түшүрүп болгон соң экөөнө эки шоколад карматып:

- Эми силер үйгө киргиле, бул экөөңөргө кийим-кече, дептер, ручка-калемдер, - деди. Камчы:

- Кетесиздерби, үйгө кирбейсиздерби? - деди чоң кишидей. Асел болсо Миразимди бек кучактап алып, койо бергиси келбей турганда короодон Бааркан чыга калды.

- Мира эжемдер кетем деп жатат, - деди Камчы ага.

- Опей ботом, качан келдиңер эле, кире койгула үйгө.

- Жок, эже, биз кетели, сиздерге рахмат, балдарды көрөлү деп эле келгенбиз, - деп тайсалдады Миразим.

- Келгениңер жакшы эмей, өздөрү дагы ооздорунан түшүрбөйт, бала эмеспи, үйгө кирип чай-пай ичкиле, - деди Бааркан чын пейилден.

- Жо-ок, кетели эже, балдарды көрдүм, эми кете берели.

- Ошо кантип болсун, булар сенин бир тууган бөлөлөрүң экен, сен тартынбай эле кой, кызым. Биздин дагы сендей кызыбыз бар, жүргүлө, жок дегенде нан ооз тийгиле, - деп болбой алып кирди. Буларга небереси айтып кирген болчу. Миразим Арман экөө тең кирип, алып келгендерин дасторкон четине коюп, кийимдерди балдарга кийгизип көрүштү. Эки-үч сыйра алып келишкен экен. Камчынын кабагы бүркөлүп калганын байкаган Арман:

- Камчы, сага эмне болду? - деп сурады. - Жакпай калдыбы?

- Жок, Мира эжем кайра эле кетип калганы кандай жаман, ар дайым жанымда болсо жакшы болмок.

- Эми сен чоң жигит болуп калбадыңбы, - деди Арман ага жылмая.

- Апамды сагынганда эжемди көрүп турсак жакшы эле да, - деп чоң кишидей айтканда жашык Миразим көзү жашка толо:

- Шашпагыла, каралдыларым, эмдиги жылы мен атаңдар жооп берсе, үйгө алып кетем ээ? - деп башынан сылай бетинен өөп, көз жашын сыгып алды. - Биз эми баралы, силерге жазда келем, - деп Арманды карады.

- Биз анда кетели, - деп Арман үй ээлерине карады.

- Мейли, айланайын, эми келсеңер тартынбай үйгө кирип жүргүлө, эшиктен кеткениңер болбойт, - деп Аскат узатып чыкты. Камчы чоң кишидей кайраттана:

- Жакшы барыңыздар! - деди Арманга кол суна.

- Жакшы жигит бол, окууңду жакшы окугун, макулбу?

- Жарайт, ансыз деле бешке окуйм, - деди корсойо.

- Алтындарым, мен силерге сөзсүз келемин, уктуңарбы, сөзсүз? - деп Миразим экөөнү эки жагына кучактап, көпкө солкулдап ыйлады. Ага кошулуп Асел да ыйлады, карап тургандар жашып кетишти. Акыры Миразим күйөөсү экөө алар менен коштошуп жолго чыгышты. Күүгүм аралаш Чолпонбайдыкына келишти. Арман келинчегин карап:

- Көп ойлоно бербе, балдар жаман эмес экен, жадыраңкы эле тура, мына ата-энеден калып, экөөбүз деле чоңойдук, - деди.

- Ооба, жаман эмес экен, рахмат аларга, жүдөп калдыбы деп ойлодум эле, көңүлүм тынып калды, - деди Миразим улутуна. Аларды Чолпонбай бакылдай тосуп алды.

- Айланайындар десе, аман-эсен жүрөсүңөрбү?

- Жакшы, ата, өзүңүздөр жакшы турасыздарбы?

- Жакшы, айланайын, киргиле үйгө, - деп үйгө баштап кирди.

Чачыкей төшөк көктөп отурган, Миразимдерди көрө калып, анысын ары коюп, учураша алдыга калыңдап төшөк салып, төргө өткөрдү. Чолпонбай менен Чачыкей булардын үйлөнүү тоюнда барып, аябай сый көрүп келишкен, тоюна бир жылкы деп, аны атасынын үйүнө жеткирип берген болчу. Экөөнү отургузуп коюп, коңшусун чакырып келди да ага бир козуну сойдуруп, өзү эле билип, сыртта жүрдү. Муну кийин билген Арман:

- Ой, ата, кереги эмне, жөн эле койбойт белеңиз, минте берсеңиз экинчи келбей койобуз, - деди капалана.

- Болбойт, балам, атайы келип жатса кызым, кантип куру кетирем, - деп Чолпонбай ага көнбөдү. - Кире бер, балам, сый деген сый. Мен кызым экөөңдү балдарымдай эле көрөмүн.

- Рахмат, ата, бирок ысырапкорлуктун чеги болуш керек.

- Күйөө бала, ал сенин бизнесиңе байланыштуу, ал эми биз андайды билбейбиз, бизди мал багат, малды биз багабыз, - деп эки коңшусун кошо чакырып, күйөө-кыздын алып келгендерин ортого коюп, бапылдап отурду. - Медетим болгондо кандай гана жакшы болмок, байкушумдун өмүрү кыска болду, сендей жаман кызына ырыскысын таштап кеткен экен, - деп дагы куран окуду.

- Ооба десең, сереңдеп ойноп жүрсөң кыйын кубанчу эле, - деп Чачыкей сөзгө аралашты. - Кийин балалуу болобуз деп жүрүп, ооруп калбадыбы?

- Ошону айтсаң, экөө тең кудай момун немелер эле. - Коңшу аял кошумчалап койду. - Эми ушу кызын колдоп-жөлөп жүрсүн бечаралар.

- Баса, Мира, сен үй ичин бир көрүп койсоң боло, балам, буюмдардын баары эмне болду экен, өрттөгөнүн өрттөп, керектүүңөрдү алып кет, - деди Чачыкей. - Алма бакты сугарып, карап жатабыз.

- Апа, үйдү эртең өзүм карайын, эшикке чыгарып, ичин бошотуп эле койойун, бирөө-жарым кирсе киргизип коюңуз. Убактылуу бош болсо дагы, кийин таежемдин баласы келет, ага ким там салып бермек эле, - деди Миразим.

- Туура, кызым, өзүңө керектүүлөрүн, апаңдын карманган буюмдарын өзүң ирге.

- Макул, - деп тим болду Миразим.

Эт бышып, колго суу куюлгандан кийин эт тартылып, беш бармак келди. Арман ушу карыларга ичтен ыраазы болуп отурду, жетим өсүп жетилет дегендей, эки бакыр бир тукур болуп түтүн булатканына ыраазы. Өзү жеринен ачкөздүктү жактырбаган, колунан келсе бей-бечараларга жардам берген колу ачык жигит. Мына эми минтип келинчеги көз жарганы турат, балам-балалуу болгондо билесиң дегендей ого бетер жашоого терең карап, турмуштун ачуу-таттуусуна бышып жашоого үйрөнгөн. Канчалык чоң компанияны кармап турса да манчыркоону билбеген шыр жигит, барына да, жогуна да ыраазы. Конок болуп отуруп дагы мактанып же көкүрөк көтөрө сүйлөгөн жок, жөнөкөй гана жүргөн жай адамдай. Эртеси Миразим өзү туулуп-өскөн үйүнө барды, үч жылдан өттү келбегенине. Эшикти ачып киргенде эле ным жыттанды. Кирип өз бөлмөсүнө өттү, анда өзүнүн эстелик жазган дептери турган, анан мектепке көтөргөн баштыгы. Тушунда апасы сайган сайма илинип турчу, аны эшикке алып чыгып какты, чаң орноп калыптыр. Анан жыйылган жүктүн эң алдынан бир шырдак менен ала кийизди алып чыкты. Эч жери кетпептир, күнгө жайды, анан керебеттин алдында эч ким кармабаган атасынын кичинекей кулпу салынчу темир сандыгын сыртка чыгарды. Калган буюмду алып чыгып, бүт өрттөдү. Үйдү таза шыпырып кулпулап койду, шифонерлери, күзгүлөрү калды. Ага чынында Чолпонбайлар деле кызыкдар эмес эле, эски буюмдар болчу. Кетээринде Арман темир сандыкты ачып эле ичинде жалаң эки сомдуктар менен, жүз сомдук акча, анан алмашылбай калган рублдар пачка-пачка экен. Кайран Медет өз оюна жетпей калган го? Өлөөрүндө балким аялына айткандыр, жыл айланбай эле анысы дагы артынан кетип, Ашырбү бечара жаш кызды караан кылып эптеп жашап калган эмеспи. Арман Миразимди карады:

- Кайната бай болгон турбайбы аябай, - деп акчаларды колуна алса нымдашып кетиптир. - Ушуларды бир нерсеге жумшайм дегендир ээ?

- Билбейм, мен алты-жети жашар болсом эмнени түшүнөм?

- Кайран киши, ушул өзүнө буйруган эмес экен, балким чоң үмүттөр менен каткандыр, - деп эски акчаны өзүнчө, жаңы акчаны өзүнчө алып, санап көрүшсө элүү миң сом экен. - Буларды эмне кылалы?

- Өзүң бил.

- Анда ушул жерден эле союш алалы, үйдүн эшигине казан асып кой союп, куран окуталы, кандай дейсиң? - Экөө кеңешип отурганда Чолпонбай менен Чачыкей, дагы эки-үч коңшусу келип калды. Алар акчаны көрүп, таң калышты.

- Медет абдан табышкер жигит болчу, анын көп максаттары бар эле, - деди Медет менен тең чамал коңшусу. - Ал бир секрет иште иштей баштаган, ошол жакпай калды, бир жолу катуу токмок жеп келди, аялына да айтпай мага айтты эле.

- Шоруң каткыр десең, өзү жоош-момун неме эле, бирөөлөр эле азгырбаса, акыры ошонун запкысынан ооруп калды да.

- Арман, биз кетелиби? - деди Миразим атасы жөнүндөгү мындай сөздөрдү уккусу келбей.

- Ооба, атам менен кеңешели.

- Эмне болду, балам?

- Бул акча өздөрүнө куран окуганга жумшалсын, бүгүн бир союш табалы, ата, кант-чайын алып келип, эшикке эле төшөк салып, молдо чакырып, жакшылап куран түшүртүп койолу.

- Макул анда, союшту табабыз, - деди Чолпонбай. Ошентип ал күнү эртелетип кой союп, майда-баратты, боорсоктун ордуна жалаң печенье менен жапкан нан сатып алышып, үч молдого куран окутушту. Ошентип апасынан калган ала кийиз, шырдакты алып, калгандарын өрттөдү да, шаарга жөнөп кетишти.

- Атам байкуш кандай ишке кириши мүмкүн? - деди Миразим жолдо келе жатканда.

- Ким билет, андай секреттер толо, секет, аны ойлоп кыжаалат болбой эле кой, арбактары ыраазы болсун.

- Тиги дүйнөсүн берсинчи.

- Ооба, - деп Арман жолду карап кетип жатты. - Кыйналган жоксуңбу, жаны?

- Жо-ок, эмнеге кыйналмак элем?

- Деги да, жол жүргөн кош бойлуу аялга кооптуу.

- Ошондойбу? - Миразим күлүп койду. - Сен аны кайдан билесиң?

- Билем да.

- Кыйынсың го?

- Айтпа, баламды аман-эсен чыгарып берсең машинадан эле багып алам, - деп бир колу менен келинчегинин ичин сыйпалап койду. - Чыгам деп жатабы ыя?

- Кой, жолдо жүргөндө.

- Эмне экен, жетип калбадыбы, иши кылса жаралды да.

- Жа-аны го, менин алтындарым го, - деп улам жолдо сүйлөшүп коюп кетип баратышты.

Түн бир оокумда үйүнө келип дарбазасынын тушунан сигнал бергенде үй кызматчысы чыгып, эшик ачты. Үйгө кирсе тамак-аш даяр экен, Чачыкей салып берген жарым койдун этин муздаткычка салып, анан экөө отуруп тамактанышты. Тамактангандан кийин экөө эки креслого отурушту, Арман коркунучтуу кино койду.

- Корком, башкасын эле койчу.

- Макул, жаны, - деп индиянын кинолорунан койду эле Миразим кубанып кетти:

- Оо, молодец.

- Ушу жактыбы?

- Жагат.

- Мирочка, бир нерсе айтайынбы?

- Айта бер.

- Таарынбайсыңбы?

- Эмнеге?

- Шамбет деген ким?

- Ыя?! - Миразим чочуп кетти.

- Чыныңды айта бер, жаап-жашырба.

- Эмнесин жаап-жашырмак элем, сүйлөшүп жүргөм.

- Ала качып, үйүнө алпарды беле?

- Кимден уктуң?

- Шамбет өзү айтты.

- Качан?

- Сени алганымдан кийин эле.

- Кайдан жолугуп жүрөсүң?

-Дастандардыкына барсам короонун сыртында акмалап жүрүптүр.

- Ошондой де, эми мага ал тынчтык бербейт экен да, - деп Миразим ойлуу бир аз отурду да, башынан айтып берди. - Эгерде тагдыр менин пешенеме дал ошол мен жек көргөн адамдын баласын сүйүүнү буйруса кантмек элем, Арман, ага түшүндүрүп айткамын, жанагы эки баланын атасы Шамбеттин да атасы болуп чыкты…

- Ой иттики десе, ал мага жөн гана кечирим сурайын деп келгемин деди, - деп Арман Миразимдин маңдайына келип, тизелей калды. - Аны катуу сүйдүң беле?

- Ошондой го деп ойлогом, көрсө балалык токтоло элек байоолугум экен, эми аны ойлоп да койбойм, жадагалса жек көрүп кетем, өзүмө ошонум үчүн да жиним келип кетет.

- Капаланба, жаным, мен ага сага үйлөнгөнүмдү айткам, ал деле дурус жигит окшойт, бактылуу болгула деп басып кетти.

- Эмнеге ошондон бери айтпай келип, эми айтып жатасың?

- Ичиме батпады, ар күнү сурагым келет, бирок сени капа кылып аламбы деп айталбай жүрдүм.

- Жинди!

- Неге?

- Анын эмнесине, мен аны азыр уккум да келбейт.

- Жаны, жалгыз гана меникисиң ээ?

- Жалгыз.

- Мени сүйөсүңбү?

- Жаныңда турганым сүйүүдөн да артык эмеспи.

- Ырысым менин, - деп келинди көтөрүп, спальныйга алып барды. - Жалгызым, жарым менин, балам экөөңөрдү күнгө чыгарбай салкынга, суукка үшүтпөй жылууга кармап багам, - деди. - Буйруса быйыл бассейинди бүтүп коюшат. Эшиктин алдын жыпар жыттуу арчага, ар түрдүү гүл бакка айлантам. Буйруса биз бактылуу болобуз, жаны, эртең менен жумушка кетем, сен кыйналып каласың, тынч жат, макулбу? - деди жүзүнөн өбө.

- Жарайт.

- Мен Машага дайындап койом, тамакты жакшылап ич, байка, уулум ачка болуп калбасын, - деп мурдунан чымчып койду.

- Албетте, дагы кандай тапшырма? - Миразим наздуу күлдү.

- Ошол, баламды ачка кылба, кыйнап койбо.

- Макул эми уктайлы ээ, чарчадык го?

- Ооба, эс алалы, - деп Арман келинчегин бекем кучактап курсагын сылап жатып, уктап калышты.

Ар бир күнү ушундай сүйүү менен бактыга толгон көз караштар, эркелешүү менен өтөт. Эртең менен Арман ар күнү бажырайган розаларды алып келип:

- Таң атты, күнүм, күн чыкты, ойго-он жа-аны! - деп ойготот.

- Мм, - деп зорго ойгонот келин, керилип-чоюлуп көзүн ачат, маңдайындагы жаркылдап турган жарын, жанында бажырайган розаларды көрүп ойгонот бечара. Адамга деги мындан өткөн эмне керек, колуна жумуш тийбейт. Маша деген орус аял күйөөсү Витя экөө керээлден кечке жаны тынбайт. Тамагы даяр, үй ичин эки күндө бир жууп-тазалап, желдетип турат. Сезим андан тез-тез кабар алып, Дастан экөө балдары менен келип-кетип турат. Кечке үйдө зериккен Миразим дарбазадан чыгып, эки жакты карап турган, ошол убакта анын бели бурап, суу шар этти. Коркуп кеткен Миразим үйгө зорго кирди да, Арманга телефон чалды, ары-бери басып жатканда Маша көрүп чочуп кетти:

- Оой, кожойке, сизге эмне болду, сиз толготуп жаткан жоксузбу? - деп кармай калды. - Этият болуңуз, мен тез жардам чакырайын.

- Жок-жок, Арман келип калат, - деп Миразим болбой койду, бирок чыдай албай калды. Маша тез жардам чакыра коюп, бат эле келип алып кетти. Бул убакта тыгындан өтө албай Арман жолдо жүргөн эле, улам Миразимдин телефонуна чалса албайт, алаңдап кеч келди. Ал келип эле үйгө жүгүрүп кирип, стол үстүндө турган телефонду көрдү. Аңгыча Маша кирип келип:

- Мырза, уулду болдуңуз, азыр эле төрөтканадан чалышты, - дегенде кубанып кеткен Арман Машага бүкүлү беш жүз сом бере салып, машинасына отурду. Жолдон гүл алып, төрөтканага жетти. Миразим али креслодон түшө элек болчу. Медайымды чакыра коюп:

- Эжеке, менин келинчегим төрөдү эле, кантип көрө алам? - деди Арман шашкалактап.

- Ким?

- Апсаматова Миразим.

- Ал палатага кире элек, жаңы гана төрөдү.

- Кирсем болобу?

- Жок, болбойт.

- Эжеке, суранам, келинчегимди көрүп эле чыгайынчы.

- Болбойт, биз тил угабыз, биз бул жерде эмнеге отурабыз, каалаган эле кире берсе.

- Эжеке, айланайын эжеке, көрүп чыгайын, - деп жалдыраса да болбоду эле, - Эжеке, берээк келсеңиз бир сөз айтам, - деди колун булгай.

- Эмне болду? - деп жакын келди эле Арман тешиктен колун сала тигинин колуна эки жүз сомдукту кармата койду.

- Ой бала, бул эмне, бирөө көрсө…

- Эч ким көрбөйт, бир эле кирип көрүп, кайра тез эле чыга калам, - деди эле, аял наалый эки жакты карап келди да:

- Тез чык, жанды да койбойсуңар, - деп эшикти ача салды. Лып этип кирип жөнөгөн Арманга тиги аял халат берди. - Тез чык, родзалда аялың.

- Рахмат, эжеке, - деген Арман халатын жамына шыпылдай родзалга кирип келди. - Жаны, кандай, аман-эсен көз жарып алдыңбы?

- Ооба, кантип кирдиң?

- Айтпа, араң кирдим, - деп эки бетинен өбө гүлдү жанына койду. - Жаны, секелеги десе, менин ырысым, тамак алып келейинби?

- Жок, эртең эле кел.

- Макул анда, уулумду качан көрөм?

- Эртең келгенде, - деп Миразим жылмайып койду. Аңгыча акушерка келип:

- Бу жерге киргенге болбойт, сизге ким уруксат берди? - деп чүйрүңдөдү. Арман аны колтуктай калып:

- Менин атым Арман, бул менин жападан жалгыз аялым, баламды көргөзүп койбойсузбу, карындаш, - деп чөнтөгүнө эки жүз сом сала койду.

- Кызыксыз го, бизди урушат, - деди акушерка дагы эки жакты карай.

- Көрүп алып эле кетем, сизге тил тийгизбейм.

- Тура туруңуз, азыр алып келем, - деген акушерка чыгып кетип, ымыркайды көтөрүп келди. - Ороолорун, кийимдерин эртең алып келиңиз, бул жерден берилбейт, - деди анан.

- Жарайт, - деген Арман али көзүн ача элек наристени жыттап, өөп алып, анан акушеркага карады. - Чоң кыз, рахмат сага, эмесе мен барайын, - деп баланы карматты да, Миразимди дагы бир өөп алып, - Эртең эрте келем, жаны, жакшылап эс алып жат, - деп чыгып кетти.

- Күйөөң жакшы киши экен, сүйөт го ээ сени? - Акушерка Миразимге кайрылды.

- Ии-ий, - деп койду ал.

- Биринчиңерби?

- Ооба.

- Ошондой, тим эле көрүп алайын деп шашкалактайт, - деп күлүп койду да, баланы көтөрүп кетти.

Миразим төрт күн жатты, Арман күндө гүл көтөрүп келет, врачтар аны жөн эле киргизип калган. Миразимге дагы жакшы карашып, жылмайып сүйлөшөт. "Токочтуу бала сүйгүнчүк" деген ушул эмеспи. Арман аларды аялын чыгараар күнү бир жыргатты, арак, шампан, коньяк менен сокторду толтуруп, бир чучук менен гриль алып келиптир, баары эле мактап жатып калышты.

Арман уулдуу болгонун адегенде Дастандарга сүйүнчүлөдү, андан кийин ата-энесине, досторуна айтты. Сезим эртерээк келип, дасторкон жайып күтүп отурган. Машина короого киргенде эле бечара бир чыны сууну көтөрүп чыгып, Миразимдин башынан үч тегеретип төктү да, чыныны босогого көмкөрө койуп, колундагы баланы алып, үйгө киргизди. Аңгыча достору келип бакылдашып наристеге ат коймок болушту.

- Ай Арман, балага атты тандап жакшы ат коюш керек, ата-эненин үч милдети бар, биринчи жакшы ат коюу, анан сүннөткө отургузуу, үчүнчү үйлөнтүү, мына көрдүңбү аталардын кандай милдети бар экенин? - деди бир фирмада директор болуп иштеген Жылдызбек деген досу.

- Туура, сен биринчи милдетиңди аткара берчи, андан аркысы аман-эсендик болсо боло берет, - деди Артур дегени каткыра. - Өзүң отузга чыкканда балалуу болсоң анан.

- Кана, эми атын ким койобуз? - деди Дастан токтоо, ал бара-бара бажа деп Арманды күйөө бала катары карай баштаган эле.

- Чек жазабыз, бакандай болгон бир компанияны жетектеген жигит болсо, атын жакшы койолу.

- Ой, баса, - деди бири, - ушу өзүнүн да атын өзгөртпөйлүбү ыя?

- Эмнеге? - деди Жылдызбек.

- Арман дегенде бир кызыктай угулат.

- Ээ, достор, мейли айткыла, бирок менин атым өзүмө эч кандай кедерги боло элек, - деди Арман күлө. - Баламдын атын азыр өзүм койом!

- Макул, кана айтып көрчү.

- Ибраим койгум келет.

- Болот го?

- Жок ай, современный аттан койсоң боло? - деди бири.

- Жок, анда силер айткыла.

- Элдар.

- Султанмурат.

- Элмурат.

- Беккул.

- ? ??

- Ооба, ошондой болсун, - дешип жабырап калышты, жетөө жети атты жазып бүктөп туруп, аралаштырып Миразимдин алдына таштады:

- Кана, Мира, өзүң бирди ал, ошол ат коюлат.

- Ала бер бирин.

- Бол эми, - деп жылмая кагаздарды карап туруп калган келинди демитип киришти. Миразим көзүн жумуп туруп, колу менен сыйпалап бир кагазды алды эле, баары тымтырс болуп отуруп калышты. Миразим сүрдөгөндөй кагазды жай ачып:

- Султанмурат! - дегенде Дастан кол чаап жиберди.

- Азамат, балдыз, Султанмурат болсун!

- Болсун-болсун!

- Султанмурат үчүн алабыз, - дешип күпүлдөп жатып, аябай кеч кетишти.

Дастандар ал күнү калып калды. Эки баласы эбак уктаган, Арман менен Дастан түн бир оокумга чейин отурушту, ортолорунда коньяк. Улам бир сөздү баштап коюп, аз-аздан алып коюшат.

- Сен, бажа, баягы ишти эмне кылдың? - деди Дастан кызый түшкөндө, Миразим менен Сезим жатып алышкан.

- Албы ал, ал сөзсүз бүтөт да, чү-үш, - деп Арман келиндер жаткан бөлмөнү карап койду. - Аялдар укпасын.

- Бажа, сен тоготпой баратасың.

- Так, в каком смысле?

- Орусуңду кой, мен кыпкыргызча айтып жатам, кар-роче жанагы ишти тез бүтүр, сага да, мага да крупный…

- Кой, бажа, биерде аны кеп кылбаш керек, - деген Арман туруп барып, жатып алды.

Дастан көпкө отуруп, анан ошол жерге жатып калды. Эртең менен ойгонгон Сезим көрүп тургузду күйөөсүн. Баары туруп, эртең мененки чайга отурганда эки бажа эч нерсе болбогондой баш жазып, баягыдай эле бакылдашып жатты, кечээги сөздөрүнүн бири да жок. Миразимди тургузбай Маша карап жатты. Кичинекей наристе эчтеке менен иши жок, жоош, ыйлабай эле момурап уктай берет. Ошентип биздин каарман бактылуунун бактылуусу болуп жатып калды. Теңирим ага күйөөнүн жакшысын берди, анан дагы эне болуу бактысын ыроолоду. Бул ошентип тура турсун, Мамбеттен сөз баштайлы.

Врачтарга кайра-кайра көрсөтүп, молдого дем салдырганга кичине эсине кирип, үй-бүлөсүн таанып калганы менен туруп-туруп эле ар кайсыны сүйлөп койот, буту-колу кыймылдабайт. Колу бир аз көтөрүлөт, бирок тамак-ашты өз алдынча иче албайт. Балдары тышта, Алия үйдө жүргөн. Бир кезде:

- Аа-ай! - деп Мамбет бакырып ийди.

- Ой, эмне болду, этият болсоң боло, балдардын эсин чыгарасың, - деп Алия кирип келип жини келе карады.

- Апа-апа, карасаң тигини, бутума отуруп алды, тебелеп кууратты, ой, койо бер дейм, ай кудай ай! - деп кайрадан бакырып жатканда балдары менен Аскат аялы экөө кирип келди, эртең менен ооруну суроо шарт эмеспи.

- Кандай, балам, тиги кандай?

- Жатат, алы-күчү барында тентип жүрүп, эми азабын мен тартып жатам, алып келбей эле койсок болмок экен, - деп ачуулуу сүйлөндү. - Шейшеп-төшөк жууп, мен эле куурадым, - деп наалый кетти.

- Эмне кылабыз анан, кайда алып баралы?

- Билбей да калдым.

- Аа-ай! - деп ачуу бакырганда баары чочуп кетишти. - Койо бер мени, койо бер, кечир мени, кудай, кечир мени!

- Түн бир оокумда дагы ушинтип жүрөктү түшүрөт, жанында ким бар, ким жок билбейт, шейшеп- төшөнчүнү болсо булгайт.

- Оору да, балам.

- Молдого дагы дем салдырсак кантет? - деди Бааркан.

- Ошондой кылбасак болбойт го? - деп Аскат кайра чыгып кетип, көптөн кийин келди. Эки молдону алып келип, дем салдырышты. Ошондо бири:

- Бу кишиге бир арбак жабышкан, катуу нааразы болуп калыптыр, анын арбагына багыштап куран окугула, - деди.

- Макул, куран окуталы, бирок ким экенин билбесек кандай болот?

- Жалпы арбактарга окугула, анан бу киши эсине келсе ошол аялдын аты-жөнүн сурап алып, таш өткөргүлө, анткени анын эч кимиси жок экен, - деди молдо.

- Үч күн дем салалы, силер куран окутсаңар жети күндө эсине келет, - деди берки молдо. - Көп күнөөлөрүнүн азабынан ушундай ооруга чалдыгыптыр.

- Балакет баскыр, эмне күнөө кылганын кайдан билебиз?

- Тазаласа болот, ыйман жолунда тазаланбаган нерсе жок, ар бир пенде өз күнөөсү үчүн кудай алдында күнөөсүн жууш үчүн беш убак намаз окушу керек, күнөөсүз адам болбойт, кээде сүйлөгөн сөздөн да кетет.

- Эптеп ушуну сакайтып алсак намаз окутат элек, - деди Аскат күңкүлдөй. - Же ары эмес, же бери эмес жатканы өзүнө дагы кыйын болду, кыйналды өзү деле.

- Сакайып кетет, буйруса.

Ошентип Мамбеттин абалы абдан оор болуп жатты. Түн бир оокумда дагы келет, Ашырбүнүн элеси үстүнө минип алып уруп-согуп, кайра бир заматта шагыраган сөөккө айланып, жанына узунунан жатып алат. "Сени мен өлтүрөмүн, бул дүйнөдө сага орун жок", - деп бетине жакын келип, Ашырбү болуп көрүнөт да, кайра бир паста тырмактарын арбайтып апсайган желмогузга айланат. "Балдарымды менден алыстаттың, кана менин балдарым, балдарым кана-а!", - деп бетин-бетине тийгизээрде апсайган аял баш сөөк болуп үстүнө жыгылды.

- Апа-а! - деп Мамбет тура калды, канчадан бери өйдө турбаганга өзү да чочуп өзүнүн кайда жатканын билбей элейди. Ошол убакта Алия кирди.

- Эмне болду? - деп алып өзүнөн көзүн албай отурган күйөөсүн көрүп, - Эмне бакырдың? - деди, анын отуруп калганына таңгалды.

- Мен каяктамын? - деди Мамбет.

- Үйдөсүң?

- Качан келдим эле?

- Эчтеке билбей калганда алып кеткиле дебедиби.

- Аа-а.

- Эмне эле бакырасың, бала-чаканын эсин чыгарып бүттүң го?

- Ооруп калсам эмне кылайын. Кечир, кемпир, сенин алдыңда көп күнөөм бар, келгениме канча болду?

- Бир ай.

- Ошондон бери жатамбы?

- Ооба, - деди аялы жактыра бербей.

- Мени молдого дем салдырбасаңар болбойт, - деди үңкүйө, анан турмак болду эле буту эпке келбеди.

- Окутуп жатабыз.

- Алия, мени кечир, жанагы аял эле менин үстүмө минип алып кууратты, апам сактап калып жатат, - деп кайра чалкасынан жатып калды, колдору да өйдө-ылдый болбой, эчтеке сезбей сенек болуп калган.

- Ал аял өлгөн, балдарын акем алып келип багып жатат.

- Ыя?! - Мамбет чочуп кетти.

- Өлгөнүнө бир жылдан ашты.

- Ошондой, коку-уй, кемпир, өлүп калбайын, - деп Мамбет коркуп кетти. - Мени ошол кыйнаганына бир жыл болду, сүйрөп алып баратканда эле апам байкуш кайдан-жайдан пайда болуп, алып калат…

- Арбак билет да, - деди Алия чечилип сүйлөшкүсү келбей. - Мен эс алайын, жата бер эми.

- Мени жалгыз жаткырып койдуңарбы анан?

- Анан эмне кылалы?

- Эртерээк ары кетсе экен деп күткөн экенсиңер го. Байкуш апам ай, тиги дүйнөдө жатып дагы мени коргоп жүрөт, - деп оор улутуна жатып калды.

Өлүп кетпейсиңби, тирүүңдө бир адамча жашабасаң сени ким жакшы көрмөк эле", - деп эшикти жаап, чыгып кетти Алия. Эртеси молдо менен Аскат келди. Мамбет көзүн ачып жаткан.

- Кандай акыбал? - деди Аскат.

- Жакшы.

- Оо дурус болуп калыпсың, - деп молдо отура калып, дем салып кирди, көпкө дем салгандан кийин теспесин жыйды да: - Сизге бир аялдын арбагы каршыгып калган, ага куран окутуп, таш өткөрүңүз, - деди.

- Макул-макул, - деп жиберди Мамбет.

- Ал аялдын ата-жөнүн билесиң да.

- Ооба, билем аны.

- Билем аны деп койот, айткан тилди алып, үй-бүлөң менен тынч жашасаң бул балээ болбойт эле го? - Аскат жини келе инисин карады. - Бечара келин өлгөндөн кийин эч кимиси жок экен, эки баланы мен алып келип, багып жатам.

- Тим эле койбойт белең?

- Ок ата-аңдын оозун урайын десе, айтып жатканын кара, акыбалыңды карачы!

- Эмне кыл дейсиңер, ушундан көрө эчтеке билбей жатканда өлсөм болмок экен, - деп кайра өктөсүн арта таарынып ары карап кетти.

- Өлсөң көмүп коймокпуз.

- Ошону кылмаксыңар да, тиги дүйнөдө жатса дагы апам байкуш коргоп жатат.

- Ошого адам болуп, бир куран окуттуңбу? Карачы балдарыңды, сени көргүсү жок, көңүлдөрү калган, ата деген атың бар, сапатың жок, акмак!

- Эмне кыл дейсиңер эми?

- Намаз оку, кетирген күнөөңдү жуу!

- Кыймылдай албай жатсам кантем? - Мамбет аргасы куруп үн катты. - Кечиргиле, эми адам болоюн.

- Элүүңдөбү? - деди Алия.

- Эми деле сакайып кетсем эле баарын жасайт элем.

- Мейли, балам, бу акмакка күчтүүлөп тамак бер, жакшы болуп кетсинчи, анан үйгө камайбыз.

- Жакшы болсо кайра алып кетишет да.

- Каякка? - деп Мамбет чочуп кетти.

- Түрмөгө да, сени өлөт деп жөнөткөн экен, кокус жакшы болуп калса кайра алып кетебиз дептир, - деди Алия.

- Эптеп алып калабыз да, бир жылы калбадыбы, - деди Аскат.

Ошентип Мамбеттин тили буудай кууруганы менен кыймылдабай көпкө жатты. Акырындык менен аз-аздап сакая баштаганда түндөсү дагы түшүнө Ашырбү кирди:

Катуу уктап калган экен, ээн-талаада как эткен карга, кук эткен кузгун жок жалгыз кайдадыр кетип жатыптыр. Бир кезде алды жагынан аппак кийимчен, башындагы жоолугу желбирей Ашырбү келе жатат, анын буту баспай эле каалгып учуп келе жаткандай көрүндү. Ал жанына жеткенде: "Сени кечирдим, балдарымды жакшы кара, сен Камчыны өгөйлөбөй жакшы кара", - деп айтып кыйгач өтүп кетти, бирок ал өтүп баратканда боппоз туман каптап келип аны бир күч катуу түртүп өткөндөй болду.

- Аа-а! - деп айкырганын өзү да билбейт, - Аа-ай токто-о! - деп кыйкырып тура калды. - Ой, мага эмне болду, кудай, кечире гөр, - деп эки жагын каранып, көкүрөгүн басты. - Бул мени оңдурбайт, астахпурулла! - деди алаңдай. Бул кезде колу бир аз кыймылга келип калган.

- Эмнеге эле кыйкырып жатасың, тынчтык бербедиң го? - деди Алия башбагып.

- Мен эмне атайын кыйкырып жатамбы, кемпир, мени кечир, ойду-тоону басып жүрүп, сенин да кадырыңа жете албадым.

- Эми куру сөзүңдүн кереги эмне, болоор иш болгон, түнкүсүн эсти чыгарып айкырганың өттү сенин.

- Ой, жанагы аял кирип жатыптыр түшүмө, ошондон коркомун, андан көрө ошого куран окутуп койолучу, - деди Мамбет көздөрүн жалдырата.

- Акем менен кеңешели.

- Күнү куру эмес, түшүмө кирет…

- Кокус менин артымда калсаң андан жаман болосуң, - деди жини келген Алия. - Өзүңдү жаш баладай эмес чо-оң кишидей кармасаң, айкырып-кыйкырып түн жарымда элди ойготпой.

- Макул эми, сен менин эле жаныма жатсаң болмок.

- Сенин жаныңа жатмак турсун көрөйүн деген көзүм жок, айла жок балдардын атасы экенсиң, карап-багып отурам.

- Макул-макул эми, өктөө-таарынчың ошончолук болду, сакайып алайынчы, сени гүлдөтүп багамын, кайра баштан баштайбыз, байбиче жашоону, - деп ыржая караганда Алиянын жини келип кетти.

- Мени коюп, тетиги энесиз балдарыңды багып алчы! - деди да, бөлмөдөн чыгып кетти.

Мамбет томсоро отуруп калды. Ичинен кыжыры кайнап чыкты, ошончолук азап тартып, көр оозунда турса да: "Ай ушу буту-колум соо болсо көргүлүктү көрсөтөт элем го сага", - деп ойлоп алды. Турмуштун сынагы аны сындырмак түгүл ойлонткон да жок. Эптеп бутунан туруп кетсе көз каранды болбой өзү каалагандай жашамак болуп, аргасыз жатты. Ал ушул ирет дагы бардык нерсе кудайдын колунда экенин, пенденин колунан эч нерсе келбес бечара экенин сезгиси келбеди. Арадан дагы бир ай өткөндө Мамбет бир аз өйдө туруп, жаш баладай там-туң басып калды. Ага да баягы эле кыз алган жары көмөк берип, ары-бери жетелеп бастырып, кардын тойгузуп карап жатты. Бир жолу жинденип сөгүнүп жатты:

- Эн-неңдурайындар, ооруп калсам мусаапыр кылдыңар, шашпагыла, мен силерден биротоло кетпесемби?

- Ой сен кетсең да, бизге келишет, балдарга сөз тиет, "атаңар антип калды, атаңар минтип калды" деп, дегеле сенден биз дагы тажадык. Жанагы байкуш катын алып кетпей кантип таштап койду деги, жаныбыз тынчып калат эле, - деди Алия дагы тилин тартпай.

- Бас жаагыңды энеңди, ошо катын экөөңдү тең урдум, мени алып кеткидей ал кудай болуп калыптырбы? - дегенде Айбеги кирип:

- Эмне эле болуп жатасың, андай болсо туугандарыңды чогултуп туруп, биротоло чыгарып салабыз, бок-сийдигиңди тазалаган апама ыраазы болуп калгандын ордуна сөгүнөсүң, ата сакалың оозуңа бүтүп калды, уялбайсыңбы? - деди ачуусу келе.

- Бар, балам, - деди Алия. - Жаман болсо да атаң, тил тийгизбе.

- Жаман болсо да деп, жакшы күйөөгө тийип албайт белең? - деп Мамбет кайра ызырынганда Айбек аны түртүп отургузду:

- Азыр Аскат атамды ээрчитип келем да, бул үйдө же сен кал, же биз калабыз, - деп атырыла чыгып кетти.

- Ушунун баарына сен күнөөлүүсүң, балдарга мени жек көрүндү кылып, жамандап бүткөнсүң да.

- Ии-ий, оозуңду жаап тим болуп калсаң боло, Шамбет болсо сенин жүзүңдү карабайм деп шаарга кетип калды. Мен сени жамандап эмне кылам, өздөрү аталуудай өстүбү ыя, атасы жоктон айрымасы жок болуп күн көрүштү го, билет да сенин кандай экениңди, - деп Алия эшикке чыгып кетти.

Зорго басып жүргөн неме тура койом деп, жыгылып кетип туралбай жатканда Аскат кирди:

- Өлсөң да балдарыңа ызаат-сыйың менен өлсөң боло, эмне болду эми, өлө албай жатып, өлөң айтып жатасыңбы? - деп колтуктан сүйөй өйдө кылды.

- Мен эмне кылдым, өздөрү жинге тийди.

- Ушул абалыңда сүйлөп эмне кыласың, ыя? Дагы Алия экен, башка аял болгондо сени кабыл алмак тургай карап да коймок эмес.

- Карабаса койсун, - деп терс бурулду Мамбет.

- Акмак болуп төрөлгөн соң оңолбойт тура, сенин азабыңды Алия менен кошо мен тартып келе жатам, оңолсоң боло бир, бүкүрдү көр түзөйт дегендей өлгөндө гана тынчыйсыңбы? - деп Аскат ачууланып отуруп калды. Айбек менен Канимет кирди:

- Өзү өлө албай жатып дагы апамды сөгүп жатат, ата, деги буга акыл-эс киреби же биз апамды алып биерден кеткенибиз жакшыбы?

- Сабыр кыл, балам, муну оңдой албай калдык го.

Айбек менен Канимет унчукпай бири-бирин карап кала беришти. Аскат Мамбетти тилдеп-тилдеп, анан өз үйүнө кетти. Оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө адам баласы азыр күлүп-жайнап отурса, эртең эмне болоорун билбеген бойдон бул жашоодон өтүп кете берет эмеспи. Анын сыңарындай Мамбет оозуна келгенди сүйлөп, буту басып кетсе эле көнгөн адатын жасамак болуп турду оюнда, балдары менен аялына кекенип, өзүнөн кеткенин сезбей кыйынсынып жатты. Бирок аз-аз басып калган буту жыгылгандан кийин кайра жылбай, ал турсун ооруганына чыдабай түнү бою боздоп чыкты.

- Бутум сыздап ооруп жатат, доктур алып келгилечи, - деди аргасыз жалдырай.

- Таң атсын, түндө ким жакшы көрмөк эле?

- Ага чейин өлүп калам го, сыздап оорутуп жатат.

- Чакырганда түндөсү келбейт, - деп болбой коюшту.

Көпкө озондоп жатып, үнү чыкпай калды. Көзү илинип кеткен экен, үстүнө минип алган баягы аял: "Мен сени алып кетем", - деп бетине асылды. Ошол убакта аппак кийинген апасынын элеси көрүндү да: "Ай балам ай, өзүңдү-өзүң сыйлай албадың, эми мен арачалай албайм го. Балдарыңа аталык мээрим төкпөсөң алар сенин кадырыңды кайдан билет, эми атаң экөөбүздүн жаныбызга келгенден башка айлаң жок", - деди капалуу. "Апа, токто анда, азыр эле кошо кетем", - деп артынан жүгүрдү эле кайрыла калган апасы: "Койо тур, балам, ал дүйнөдө азыраак тарта турган азабың бар, биз атаң экөөбүз жакшы жайдабыз, жолугуп турам", - деп көздөн кайым болду. Эмеле апасы кирген жер бүтөлүү болуп калды. Ошондо: "Апа-а!" - деген бойдон ойгонду. Оозу кыйшайып, көзү аңтарылып калган, анын үнүн угуп эч кимиси келбеди. "Дагы баягысы кармады", - деп турбай жатып алышкан. Эртең менен карашса, оозунан ак көбүк агып, эчтеке билбей жатыптыр. Ошентип кайрадан эсине келбей жатып, туура бир жума дегенде гана үзүлдү. Бейбурттук, адамды укпаган өзүм билемдик акыры анын түбүнө жетти. Балдары намыс үчүн ызаат-сый кылып келген-кеткенге өкүргөнү менен кайдыгер гана адамды көмгөндөй бат эле унутушту. Татыктуу ата болгондо уул-кызы жан-алы калбай боздоп-сыздап, отурган орду да кымбатка турмак. Аттиң дүйнө, жараткан ар пендени өз ырыскысы, өз тагдыры менен жаратат тура. Аз жашоодо адам баласынын колунан байлык топтоо келбесе дагы бирөөнө жакшылык жасап, бирөөнүн ажатын ачсаң, жан дүйнөң толо түшөт. Ата-эне баланы туулгандан эле адам болсун деп тилеп, көптү үмүт этет, ал эми ал бала айткан акылды укпай, өз билгиси менен жашап, терс жолго түшсө, ата-эненин түнгөнгүс кайгысы эмеспи.

***

Миразим кудайга тобо деп, өткөн күндөрү билинбей бакубат жашоонун үстүндө. Султанмураты балпайып балтыр бешик болуп калган. Ошол кезде ал дагы кош бойлуу экенин билип, Арманга айтпай алдырып салууну эп көрдү. Эсептеп көрсө бир жарым жылда кайра балалуу болот экен. Анан бир күнү ал баласын Сезимге таштап коюп, гинекологго барып алдырам деген оюн айтты эле, ал күйөөсүнүн уруксаты жок албай турганын билдирди. Аргасыз үйүнө келип дале айтпай жүргөн эле. Арман жумушунан келип:

- Жаны, жүрү тоого чыгып келебиз, күн сонун болуп турат, - деди шашылыш.

- Бала шамалдап калат го, суук тийет.

- Кудай сактасын, - деди Арман.

- Баргым келбей турат.

- Жаны, достордун баары баратат, үй-бүлөсү менен, - деп Арман болбой эле шаштырып туруп алды.

- Сен барып кел.

- Жок, сенсиз кайда барам, жаркыным менин, - деп болбой жатып кийиндирип, баласын өзү көтөрүп, машинасына чыгып кетти.

Айла жок, Миразим да чыкты. Алар келишсе баары чогулуп калыптыр. Кечке чейин ойноп-күлүп, кечке маал үйлөрүнө кайтышты. Келе жатканда чоң жолдун кесилишинен чоң машина чыга калып, капталга сүздү. Негизи жол Армандыкы болчу, тиги машине токтоп, ага жол бериши керек эле. Күү менен катуу сүзгөндө машине жолдон чыга сүрүлүп барып, тосмого урунуп токтоду. Эчтеке билбей кызыл жаян кан болуп жатып калышкан Миразим менен Арманды тез жардам алып кетти. МАИлер топтолуп, кырсык болгон жердеги дөңгөлөктөрдүн изинен жана көргөн-билгендердин айтуусу боюнча чоң машиненин айдоочусу күнөөлүү экенин аныкташып, аны кармап кетишти. Миразимдин алдындагы бала алдыңкы айнектен ыргып түшүп, башынан катуу жаракат алган экен, ооруканага жетпей жолдон эле каза тапты. Миразим болсо эки сааттан кийин эсине келди, ал дагы башы менен катуу тийген. Арман болсо ооруканага жете электе эсине келип, аялы менен баласын кучактап боздоп жатты. Өзүнүн да чекеси жаралып кеткен, каны шорголоп агып жүрөт. Миразим көзүн ачып эле:

- Балам, балам бар эмес беле, балам кайда калды? - деп медсестралардан сурап жатты.

- Сиздин абалыңыз оор, көп сүйлөбөй жатыңыз.

- Мен эчтеке болбойм, балам кана? - деп ыйлап жатканда Арман кирди.

- Кечир, жаным, кечир мени, тилиңди алып барбай койсок болмок экен, - деп колунан кармап алып ыйлап жатты.

- Арман, бала каякта, үйгө алып кеттиңби, Султан кана, Арман?

- Өзүңдү карачы, врачтар этият болсун дейт.

- Эмнеге жооп бербейсиңер, балам кана? - деп кыйкырып-бакырып ыйлай берди. - Бир эле көзүмө көрсөтүп койгулачы?!

Ошол убакта Дастан менен Сезим, алардын артынан Армандын туугандары топурап кирип келишти. Алар баланы Миразимге угузуу үчүн келишкен. Врачтар айтпагыла деп, уруксат бербей коюшту. Эгерде азыр укса өзүн жоготуп, психикалык ооруга чалдыгат дегенден улам айтышкан жок. Ал-абалын сурамак болуп кирип, анын канкакшап баласын сурап жатканын угуп-көрүп, бир аз туруп эле чыдай албай чыгып кетишти. Бирок Миразим уколун да албай, Армандын жанында ыйлап отурганынан улам баарын сезди, таңылуу жүргөн башын көрдү.

- Мира, тынчтанчы, өзүңдү кармачы, жаны…

- Кантип, кана менин Султаным, эмнеге айтпайсыңар, ал бирдеме болсо мен жашабайм! - дегенде Арман аны колунан кармап:

- Мени кечир, Мира, мен баламды өз колум менен өлтүрдүм! - дегенде Миранын көздөрү алайып кетти, башын көтөрүп тура калып, Арманды жакадан алганда коридордогулар кирип келишти. Алар сыртта Арманды күтүп жаткан болчу.

- Айба-ан! - деп бакырып жулкулдатып жатты. - Эмнеге менин балам, эмнеге?! - Чалкасынан керебетке кулады. Врачтар аны тегеректеп, тынчтандыруучу укол сайышты. Миразим өзүн жоготуп койду, Сезим анын жанында калды. Калгандары боздоп, үнүн баспаган Арманды, баланын сөөгүн алып, түндөп жүрүп кетишти. Эртеси эсине келген Миразим жаткан жеринде көз жашын көлдөтүп, боздоп жатты. Эч ким менен сүйлөшкүсү жок.

- Мира, кайрат кыл, күчүгүм, өзүңдү да ая, ооруп каласың, - деп Сезим анын чачтарын сылап, бетинен өптү. - Кайрат кыл эми, мындан да оор күндөрдү башыңдан өткөрдүң, кайгыны эс-акыл менен жең, алтыным.

- Эжекебай, ушинтип эле Султанымдан айрылып кала беремби, кантип, кантип гана көпөлөгүм караңгы жерге жатып калат, ишенбейм, эжекебай, мен деле жашагым келбей калды-ы!

- Кой, антпе, ата-энеден бала калат, баладан эне калат боздоп, бири кем дүйнө деген ушул…

- Кантем, кудай ай?

- Көп эзиле бербе, кокус ичиңде болсо зыян болот.

- Ыя, зыян болобу?

- Күйүт жаман, алтыным, эсиң бар го. Өзүңдү да, Арманды дагы кыйнаба.

- Арманды угузба, эже, мен эми аны көргүм келбейт! - деди боздогонун токтотуп: "Боюмда бар эмес беле, ал дагы түшүп калган жокпу?" - деп ойлоно түштү.

Ошондон баштап ал эч ким менен сүйлөшпөдү, Арманды көргүсү да жок, ооруканадан чыкканда Сезимдин үйүнө баса берди. Канча айтса да болбоду, Армандын ата-энеси, бир туугандары келип, акыл-насаат айтышты, ага да болбоду, үн-сөзсүз отура берди. Арман канча аракет кылса дагы укпады. Ошентип ал айылга ата-энесинин үйүнө кетип калды. Чолпонбай аны жалгыз үйдө тургузбай үйүнө алып кетип, ошол жерден уул төрөдү. Арманды такыр кабыл албады. Бир күнү түш ченде баласын алып эшиктин алдында отурган. Армандын машинасы токтогондо тура калып, баласын бооруна кысып, үйгө кирди да, эшикти илип алды. Же ооруганы, же соо экени белгисиз, киши менен да сүйлөшпөй калган. Чачыкей аны көрүп Арманга:

- Балам, бул кыз катуу коркуп калган окшойт, дем салдырып көрсөк кантет, сени күнөөлүү деп ойлоп калгандай, - деди жай сүйлөп.

- Эмне кылам, апа, ошол күнү мен алып барбаганда балабыз аман калат беле… - Арман да ыйлап отурду. Ошондон кийин үйгө молдо алып келип, көпкө дем салдырышты. Чачыкей көп насааттарды айтты. Арман ошол жерде жүрүп калды. Акырындык менен кадимки калыбына келип, Армандан качпай, баштагысындай болуп калганда гана Арман аны үйүнө алып кетти. Үйүндөгү Султанмураттын сүрөттөрүн катып көрсөтпөй, этият мамиле жасап калышты...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз