Айгүл ШАРШЕН


"Кордук"


Алтынчач ушинтти да, зымырап кетип жаткан унаанын терезесинен ары карай көз чаптырып, туңгуюкка сүңгүп кирип кеткендей болду…

Ал тоолору көк тиреген, жыпар жыттуу гүлдөрү аңкып, таза абасы дайым көңүл сергиткен айылда өскөн. Козу-улак кайтарып, майда өрүм чачтарын сербеңдете сай-сайлап жүгүрүп, улактар менен кошо таштан-ташка секирген ойноо курагы такыр эсинен кетпейт. Анан эле бир күнү ойноп жүрүп, үйгө кирсе апасы ыйлап отурат.

- Апа, эмне ыйлап жатасың? - деди Алтынчач отура калып, быйтыйган колдору менен көзүндөгү жашын аарчып.

- Эчтеке болгон жок, каралдым, - деп апасы алдындагы кичүү сиңдиси Карачачты карап коюп, шуу үшкүрүнүп алды.

- Ыйлабачы, апа.

- Ыйлабайм, садага, ыйлабайм.

- Атам каякка кетти?

- Ал ишине кетти.

- Кечинде келеби?

- Келээр… - деп арсар унчукту Умсунай, көкүрөгүн өйүгөн бир сыр бардай.

Алтынчач аны байкабады. Абсатар өзү кээде эки-үч күндөп келбей калчу, эки кызы менен Умсунай кылдыратып оокатын жасай берет. Бирок жыйырма бешке чыгып-чыга элек келиндин кызганычы күч. Өзү сүйүп тийген, жанындай көргөн күйөөсү уул төрөбөйсүң деген шылтоо менен күйөөсү өлгөн келиндин үйүнө барып жүргөнүн угуп, ичинен күйүп бышса да, балдарына билгизбегенге аракет кылат, бала неме кайдан түшүнсүн. Алтынчач быйыл окуйт, Карачач болсо үчтөн жаңы эле өткөн. Апасы ыйлаганын токтотуп калгандан кийин кыз кайра алаксып ойноп кетти. Чоң апасы Суусаркан жетимиштеги кемпир, кызынын үйүнө кеткен. Абсатар эртең менен эрте туруп, жумушуна кетип жатканда Умсунай экөө кер-мур айтыша кетишти. Ал айыл өкмөтүнүн майда-барат иштеринде иштейт, мал-кел каттоодо, жашы отуз экиде эле.

- Аби, - деди Умсунай, анткени апасы, туугандары бүт күйөөсүн Аби дешчү. - Сен бүгүн эрте келесиңби?

- Келбейм, күтпөй эле кой.

- Кайда барасың, апам да жок, корком го жаш балдар менен.

- Коркуп эмне, эчтеке болбойсуң, - деп корс этти Абсатар.

- Дагы баягыңа барасыңбы, уялат экенсиң элден угуп, каралуу аялдын кесепети тийет деп ойлобойсуңбу? - деди Умсунай.


- Эмнени ойлойм, кыйраткансып эки кызды катар төрөп коюп, мага сүйлөгөнүн кара, керек болсо азыр дагы барам, экөөңдү бирдей багам!

- Кереги жок, анда мен эки кызымды алам да кетем.

- Кете берчи, кыйратып койгонсуп мага кетем деп коркутпай, бар кете бер, алкаш атаңкына батканыңды көрөм! - деп сыланып-сыйпанып, Умсунай үтүктөп койгон шымды кычырата кийип чыгып баратканда артынан Умсунай кыйкырып калды:

- Асылбачы менин атама, ал сага эмне жамандык кылды?.

Анысы жоопсуз калды, Абсатар укмаксан боло калганы карс жаап чыгып кетти. Ошого ызаланып ыйлап жаткан. Чынында ата-энеси начар турат. Атасы көп ичип, апасын эки күндүн биринде чырылдатып сабай берет. Эң улуусу эле Умсунай, андан кийин үч иниси, бир сиңдиси бар. Жайы-кышы уруш-талаш менен күн өтөт, атасы арактан колу бошобой, жарытылуу да иштебейт. Айрыкча кайра куруу, базар экономикасы деп заман өзгөргөндөн бери жумушсуз, үйүнөн чыгып кетип, эки-үч саатка жетпей мас болуп жетип келет. Же ата-энесинен калган эски үй-жайын дурустап оңдоп алсачы, баарынын эскилиги жетип, катуураак шамал болсо кулаганы турат. Бирин-экин мал-жанын ичип, карыз боло берип, ошого төлөп бүткөн. Өкмөттөн берилген үлүш жерине дагы элчилеп бирдеме айдабайт. Жазгы жер айдоодо Үмүтай эптеп өзү жүгүрүп жүрүп, ар кимге жалдырап жатып, чемичке айдап, күздө май тарттырып сатып, балдарына тамак-аш кылат. Ошондо да Сагынбектин карыздары жан койбой эшик тешип, көбү ошого кетет, же бир айылда колунан келчү иш болсочу. Ошондон улам Умсунай атасынын үйүнө да баралбайт, эки кызы менен кайдан батат, өздөрү кээде ун жок болгондо загыра нан жеп отурушса. Эт биякта калсын, көк шорпо ичкенге зар. Умсунай ыйлап-ыйлап алды да, күнүмдүк ишине киришти. Абсатарлардын колунда бар, эки саан уй, анын торпоктору да чоңоюп, үчөө-төртөө болуп калган. Жандыктары кырк-элүүдөй. Мингенге аты да бар. Оокат-аштуу. Ошондуктан керсейип аялын теңсинбей баратты, бирок учурунда Умсунайды бир көрүп ашык болуп, ала качып алган эле. Көздөрү тептегерек, кара каштуу, мурду кырдач, буудай жүздүү татынакай келин. Болуп-толуп турган кези.

Түн. Умсунай уйкусу келбей, мелтиреп шыпты тиктеп, ойгоо жатты. Уктап жаткан кыздарын улам ачынып калса кымтылап коюп, ойлору онго, санаасы санга бөлүнөт. Күйөөсүн башка келинден кызганып, жүрөгү тызылдап, каректери эрксиз жашка толот. Кумар ышкысы ашынган жаш келин күйөөсүнүн кубаттуу кучагын эңсейт. "Эмнеге ал мени ушинтип кордой берет, бир-эки жаш кичүүлүгү болбосо, чынында Айжамалга караганда мен сулуумун го? Мен минтип басынып жүрө берсем кырыма чыгып алды, биротоло кетишим керек. Салынды болуп кала бергенче кетейин, кааласа алып алсын ошонусун", - деп ойлонуп, бир чечимге келгендей болду, өзү дагы эс ала түшкөнсүдү. Аңгыча таң агарып, терезеден жарык шоола түшүп калганын көрүп: "Таң дагы атты, минтип азап тартып жаш күнүмдө кор болгуча кеткеним оң", - деп ойлонуп жатып, уктап кеткенин сезбей калды. Бир кезде кобур-собурдан улам ойгонуп кетсе, үйгө кайненеси келиптир. Кызы Айнур жакшы жерге барган, Суусарканды күйөө баласы Темирбек жеткирип келген экен. Умсунай ыргып туруп, кийине калды.

- Келдиңби, апа?

- Ооба, айланайын, тура элексиңерби?

- Уктап калыптырмын.

- Ий, мейли, балам, уйку тынччылык дечи, короодогу кой-эчкилерди отко айдабасаңар ачка өлөт го?

- Азыр, мен Алтынчачты тургузайын, - деп Умсунай күнөөлүүдөй кайра ичкери кирип, кызын ойготту. Шыпылдай чай койо коюп, дасторкон жайды. Темирбек бир чыны чай ичип алып эле кайра кетти. Суусаркан жалгыз келинине жакшы, өзүнүн кызындай эле күтүп, мээримин төгүп турат. Уулунун ороң-бараң кыялын билет, бирок Абсатар апасынан сестенип турат, жашынан жалгыз бала деп эркелетпей катуу кармаган эле. Кары эне келининин кабак-кашын байкап койду, өзү деле уулу жөнүндө имиш-имиштерди угуп жүргөн. Уктабагандан улам киртийип, ыйлаганга шишип калган көздөрүн кыраакы кемпир кирип келгенде эле байкаган.

- Аби ишке кеттиби, балам?

- Ооба, апа, - деп сыр билгизбей жооп берди Умсунай.

- Иштей берсин, балам, колоктоп бош жүргөндө эмне, - дегени менен ичинде ит өлүп турса дагы келининин зымпыйып сыр ачпаганына, "балаң антип жүрөт, балаң минтип жүрөт", - деп айгайлабаганына ыраазы. "Келсе ал арамды урушайын", - деп ойлоп алды, жетимишке чыкса дагы күүлүү, кайраттуу эне келинине кээде боору ооруп кетет.

- Алтынчач улактарды кайтарсын, апа, мен койлорду төшкө айдап келейин, - деди Умсунай. Жаздын күнү жаанчыл келип, мал көккө тойгон маал.

- Бирдеме ичип алсын, садага.

- Ооба, тоюп алып анан барсын, мен кеттим, - деп Умсунай үстүнө күйөөсүнүн эски курткасын кийип алып чыгып кетти. Үч жашар Карачачты эне алдына алып отурат. Алтынчач, Карачач деп кыздарына атты да Суусаркан өзү койгон. Сербеңдеген Алтынчач энесинин артынан жөнөмөк болду эле.

- Кызым, кардыңды тойгузуп алсаңчы? - деди кары эне.

- Тойдум, - деп кыз текирең-таскак салып чыгып кетти. Умсунай улактарды бөлүп, энелерин саайт, он эчкиден бир чакадай сүт алат, айран уютуп, кайненесине көмө катыктап, чай берет.

Алтынчач козу-улак кайтарганды жакшы көрөт, төш тарапта өзүнө окшоп улак кайтарган кыз-балдар бар, алар менен кечке ойношот. Оюнга алаксып кетпейт, эки көзү улактарда, кокус алыстап кетип жаткан болсо кезектешип тосуп турушат. Балалык кандай сонун, эч нерседен капарсыз гана ойноп-күлүп жүрүп, кеч киргенин да байкабай калышат. Умсунай койлорду кокту өрдөтүп айдап коюп, кыңылдап ырдап келе жатат, бактылуу ыр болсо кана, муңга толгон жүрөгүнөн ыза гана оргуштабаса… Курткадан Абсатардын терге чыланган коңур жыты уруп: "Ушул жытыңды башка бирөө искеп, мен күтүү менен чыдап канчага чейин түтөөр экенмин, ат айланып казыгын табат дегендей акыры келээрсиң", - деп ойлонуп келе жатканда арт жагынан аттын дабышы угулуп, жол бошото берди. Атчан бурула берип:

- Оо, Умсун, кандайсың? - деп калбаспы, ал өзүнөн эки жаш улуу Өмүрбек деген бала эле. Кезинде Умсунайга бир топ кат жазып, жообу жок сүйүү болуп кала берген.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? - деди Умсунай басканын токтотпой.

- Кандай, Умсун, күйөөң актив деп уктум?

- Ошондой.

- Бир кезде тоготпой койдуң эле, сенин күйөөң деле менден ашык эмес экен го?

- Болсо болгондур, анын эмнесин айткыдай…

- Сага ашыктыгым анык деп,

Кантип айтам азыр дагы сүйөм деп.

Кыйгачтабай түз сүйлөп кой бир жолу,

Мен айтпаймын сага азыр ашык кеп.

- Өткөнгө кайрылбай эле кой, бирөө көрсө кеп кылат, ылдам бастыр.

- Көрсө эмне, бир жолу катар бассак болбойт бекен?

- Болбойт, ушакка калабыз.

- Ушактан коркпойм, менде деле аял бар, - деп Өмүрбек күлүп койду.

- Эркекке эчтеке эмес, аялга кыйын.

- Уят, ар намыс эркек-ургаачыга бирдей эле, коркпочу эми, Умсун, канча балаң бар?

- Эки кызым бар.

- Жакшы, менин бир кызым, бир уулум бар.

- Болсун…

- Умсун.

- Ийи.

- Жолугушуп турбайлыбы?

- Эмне? - Умсунай чочугандай селт этип алды. "Эмне деп жатат, же мени шылдыңдагысы барбы?" - деп ойлоп ийди. - Эмнеге жолукмак элек, мени эмне жеңил аялдарга кошкуң келип жатабы? - Ызалуу карады.

- Кечирип койчу, Умсун, мен сени дагы эле унута албай жүрөм, аялым деле жакшынакай жан дечи, бирок бир сезим жүрөктүн түпкүрүндө сени эңсетип, көргүм келип туруп алат, - деди Өмүрбек, анан аттан түшүп, катарлаша басты. - Күйөөңдөн сени кызганган күндөрүм болду, аялым мени кучактап жатса мен сени ойлоном, жаныңда болгум келет. Бирок жакын туруп, кол жеткис жерде тургандайсың, кыялымда жаныңдамын, сен мени балким эстеп да койбойттурсуң?

- Өмүрбек, көп сөздү койчу, андан көрө тез кетип кал.

- Эмнеге кубалайсың, сени сүйгөнүм үчүн күнөөлүүмүнбү?

- Сүйүү деп, кайдагы сүйүү?

- Сен билбейсиң менин кандай сүйөөрүмдү?

- Сенде да үй-бүлө бар, мен дагы, түшүнбөгөн адамга болбогонду айтканың кантип болсун, мен ушул убакка чейин эч кимди сүйүп көргөн эмесмин. - Умсунай ачуулана кетти.

- Күйөөңдүчү?

- Күйөөмдү сүйбөсөм да сүйөм, ал балдарымдын атасы.

- Кой эми ачууланба, мен айтканды ойлонуп көр, өлбөгөн жанга ойноп-күлөлү ээ. Мен кеттим, өзүмдөн эмес, сенден корком, айылга кирип калдык, кош көрүшкөнчө, - деди да Өмүрбек атына минип, бастырып кетти.

"Кызык, бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт деген сөздүн калети жок тура, Аби башка аялды кызык көрүп менден четтеп жүрөт. Бирок мен мага окшогон дагы бир аялдын азап тартышын каалабайм, анын дагы жүрөгү бар, жан дүйнөсү бар. Өзүм жабыркап жүрүп, дагы бир аялдын жабыркашына кантип жол берем", - деп ойлуу үйүнө келди. Кыбырап кечке жаны тынбады. Эки кызынын кир-когун, кайненесинин кийимдерин жууду, мал короону тазалап, сүтүн бышырды, кайра тамак жасап, чай-тамагын берди. Камыры ачып калган экен, казанга нан жасады. Күүгүмдө келген койлорду короого киргизип, козу-улактарын бир бөлөк камап, андан кийин үйгө кирди. Кирип келе жатып токтоп калды, Алтынчач чоң энесине бир нерселерди саймедиреп жаткан экен.

- Эне, апам кечээ ыйлабадыбы.

- Эмнеге, кызым?

- Билбейм, атам болсо келбей койду, жумушта жатып алышабы кишилер?

- Ийи, жумушу ошондой го?

- Апам ыйлаганда менин дагы ыйлагым келди.

- Кой, садага, апаң ыйлабайт, - деп Суусаркан унчукпай калды.

- Сиз жокточу, да-айыма ыйлайт апам.

- Ыйлаба деп айтайын ээ?

- Ооба да, ыйлаба дечи, эне, - деп коюп, көңүлү жайлана түшкөндөй куурчагын кармалап ойноп кирди.

Умсунай билмексен болуп кирди да, отуруп калды, ал отураары менен Карачач чулдурай алдына келди. Жаңыдан тили чыгып, сөздөрү түшүнүксүз. Суусаркан эне ойлуу келинин көз кырын сала карап коюп отурду: "Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң, дегендей курган балам жакшы бүлөдөн айрылып калбаса болду. Канчага чыдайт бу келин, гүлгүндөй келиндин да чыдамы кетет го бир күнү", - деп уулунун кылыгына ачуусу келип, эки кыз да болсо небересин калкалап, келинин кантип кармап калууну билбей турду. Абасатар ал түнү, кийинки түнү да келбеди, арадан бир жума өткөндө дем алыш күнү эртең менен келди. Умсунай койлорду айдап кеткен.

- Качан келип калдың, апа? - деди кирип келип эле апасын көрүп.

- Сен кеткен күнү келгемин, - деген Суусаркан токтоо уулуна тигилди. - Ошол келиндин үстүнө мени да алпар, балам, сени жакшы көргөн аял мени да карасын.

- Эмне деп жатасың, апа? - Абсатар апасын элейе карады.

- Ботом, сен барган жерге барайын, эки кызы менен Умсунай жаман болсо аны бул үйгө таштайлы да, экөөбүз баралы.

- Жинди болбочу, апа, алжый баштагансың го? - деп Абсатар ыңгайсыздана күлгөн болду. - Умсунай бирдеке деп жатабы?

- Умсунай бирдеме десе жакшы болбойбу, ал үн-сөзү жок бир жан да, ошонун убалын ойлосоң боло?

- Эмне кылып жатыптырмын?

- Умсунай айтпайт, элдин кулагы узун, укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба деген сөз бар, уулум. Чырактай эки кызың турат, кызды берген кудай эркекти да берет, келин басынып калды, дагы эси бар келинге учурапмын, болбосо айгай салып, эмгиче кетем деп чыкмак, - деди салмактуу сүйлөп.

- Каякка барат эле? - деп койду Абсатар.

- Жаманбы-жакшыбы, ар кимдики өзүнө, балам, бирөөнү андай же мындай деп сыноого сага али эрте. Адам баласы кайсы бир кезде кандай акыбалда калаарын өзү сезбейт, билбейт дагы…

- Эмне кыл дейсиң эми, апа, ал келин чынында мага жагат, Умсунайды кетирип, эки кызды алып калайынбы? - деди жасакерлене жанына отура калып.

- Ок ар-рам десе, ал кетпейт бул үйдөн, көзүмдүн тирүүсүндө аны кетирем деп ойлобо, экинчи ошол жакка барчу болсоң мен кетем! - деп эне уулун жаакка бир чапты.

- Жакшы көрсөм эмне кылайын анан?

- Жап жаагыңды, экинчи ошол жөнүндө укпайын.

- Болуптур, - деп Абсатар башын кашылай ордунан туруп, сыртка чыкса бутуна резинка өтүктү салып, өзүнүн эски курткасын кийген Умсунай койду коктуну ашыра айдап коюп, үйгө кирип келе жатыптыр.

- Каякта жүрөсүң? - деп бурк этти Абсатар.

- Койду айдап келдим.

- Апама эмне деп эле былжырап жүрөсүң? - деди аны ого бетер жаман көрүп.

- Эмне дептирмин.

- Билмексен болбочу, ошентип мени кармап калам деп ойлоп жатасыңбы?

- Жок, эчтеке деген эмесмин, - деди Умсунай күнөөлүүдөй.

- Кирип, тамак жасачы.

- Кардыңды тойгузуп жөнөткөн жокпу?

- Башты оорутпа, апама бирдеме десең өлдүң, - деп аялынын сөлбүрөгөн кебетесине жини келе ары басып кетти.

- Болуптур, - деп Умсунай дагы сага корогон кайран сөз дегендей басып кетти. Үйгө кирип, оозгу бөлмөдө илинген эттен алып, туурап кирди. Жүрөгү түпөйүл, жаман айтып көңүлүн калтырбаган кайненесине кетем деп да айта албады. Эмне демек, балаң мени карабайт дейби, бирөө менен жүрүп алды деп айтабы, жок, өзүнүн басынганын билдиргиси жок, кантсе да намысы кармап турат. Аңгыча улак кайтарган Алтынчач келип калды.

- Апа, курсагым ачты.

- Айранга нан туурап жеп ал.

- Атам келдиби?

- Ооба, кызым.

- Кана? - деп Алтынчач жооп күтпөй эле ичкери кирип кетти. - Эне, атам канакей?

- Эшикте жүрсө керек.

- Аа-а, - деп коюп чыгып кетти, ал чыкканда Абсатар короо тараптан келе жаткан. - Ато-ов! - деп барып кучактап калды. - Ата, сен каякта жүрдүң?

- Жумуш, кызым, жумуштан кол бошобойт.

- Жатып иштейсиңерби?

- Ооба да.

- Анда иштебей эле койчу, ата.

- Эмнеге?

- Сен жокто апам ыйлайт.

- Эмне деп?

- Билбейм.

- Макул, кызым, кечиндеси калбай келип турам ээ? - деп кызын колуна көтөрүп алды. - Сен дагы сагындыңбы анан?

- Ооба да.

- Садагасы, кызым десе, мен дагы силерди сагынып кетем да. Карачач экөөңдү тең жакшы көрөм.

- Апамды дагыбы?

- Ооба.

- Оой жырга-ал, атам биздин баарыбызды жакшы көрө-өт! - деп атасынын колунан түшүп алып, үйгө жүгүрдү. - Апа, апа дейм!

- Эмне болду?

- Атам баарыбызды жакшы көрөт экен, сен калп эле ыйлай бересиң, эмичи атам жумушка жатпайм деди.

- Макул эми, кардыңды тойгуз да, улактарды айдап кел, жаан жааганы турат.

- Мен ичпейм, балдар-кыздар айран-нан ала кел деген, - деди Алтынчач, - Менин улактарымды карап турушат да.

- Мейли, мен куюп даярдап койом, сен өзүң үйдөн ичип ал.

- Анда макул, - Алтынчач кирип кетти. Умсунай желим бөтөлкөгө айран куюп, баштыкка нандан салып койду. Алтынчач айран ичип, колундагы нанынан улам тиштеп коюп, баштыкты көтөргөн бойдон жүгүрүп кетти. Тамак бышканда Абсатар үйгө кирип, отуруп калды.

- Балам, жандыкты кезүүгө же бадаларга кошсоң боло, күндө кой айдап таманы түшө турган болду Умсундун, улак кайтарыш балага да кыйын болуп калды, - деди кейиген эне.

- Бада кайтарганга азыр чыкпай жатышпайбы, чыкса эле кошом да, күн жаанчыл болгонго быйыл кеч чыгышат окшойт.

- Кезүү да жок, мал көккө тойду, эми жайлоого кетирбесе болбойт, балам, уйдун да кетээр маалы келди.

- Шашпа, апа, эмеле мен кайтарам деп талашкандар чыгат, бир аз чыдаса кетирем.

- Анда бүгүндөн кийин койду жайытка сен айдап тур, мейлиби? - Эне уулун ормойо карап жооп күттү. - Умсундун өз жумушу көп, керээлден кечке жаны тынбайт, бу да адам да, ботом, бир колу эркек, бир колу аял болуп тытынып жүрөт. Эртең ата-энесиникине барып келсин, тиги декабрда төрөлгөн козуну сой, бир-эки жилик алып, учурашып келсин, - деди Суусаркан өктөм унчуга.

- Макул, - деп койду Абсатар.

- Апа, тим эле коюңузчу, аларга алып барбай эле койойун, жөн эле барып келермин, - деди Умсунай кайненесине.

- Ошо кантип болсун, сен ата-энеңе учурашып кел, атты мин, балам, жайкалып барып кел, - деп кемпир Абсатарды карады. - Атты таң аттырып кой, козуну азыр сой.

- Болуптур эми, тамактанып алайын.

- Тамакты ичип алып, эртелет.

- Ооба, - деген менен Абсатар ичинен жинденип жатты. Жанында отурган аялы ага бир жалаңкычтай көрүндү.

- Апа, мен Алтынчачка барайын, кечээ козу-улактар качып кыйнаптыр, барып көрүп кайра келейин, - деп Умсунай Суусарканга карады.

- Барсаң барып кел, ал таманы такылдап кыйналды, кагылайын, - деп койду Суусаркан эне, бир жагы уулун уксун деген ойдо минтип калды. - Кыздан айланса болот, Алтынчачым кол арага жарап калды, кагылайын, уул баладан артык эле болуп отурат.

- Уул баланын ордун басмак беле кыз бала. - Абсатар жактыра бербей сүйлөдү.

Умсунай чыгып кетип калды.

- Жаңылмырза деген болгон, аны атасы уул катары өстүрүп, кадимки баатыр кыз болгон экен, - деди Суусуркан. - Менин Алтынчачым Жаңылмырзадан кем калбайт.

- Мейли эми, небереңди багып отура бер, козуну сойо койоюнбу?

- Ооба, эрте жарыкта сойо сал.

- Бу келиниңдин эмнесине кошомат кыласың, Айжамалдын ата-энеси да жакшы кишилер, апа, - деп Умсунай кеткенден кийин Абсатар апасына кайра жылмая карады. - Же экөө менен тең эле жашай берейинби, апа? - деп ыржайды.

- Ой акылы чолок балам ай, кимиси макул болот бу кебиңе, же ошо Айжамал макул деп жатабы?

- Жо-ок, азыр баккан киши канча аял болсо да баары бир алат да, апа, сен макул болсоң мен алып келип алам.

- Ок, кантет мобул ыя, обу жоктугун кара, анда эле баарынан айрыласың, Умсунайды төркүнүнө кетирип, өзүм малды бүт сатам да, шаарга Айнурдун колуна кетем. Анан жашай бер ошону менен. Бар, көп сүйлөбөй козуңду сой! - деп күндө кыңкайып жатчу ордуна жамбаштады.

- Апа, мен Айжамалды жакшы көрөм.

- Эмне Умсунайды мен алып алдым беле? - Эне уулун олурая карады. - Аны да өзүң эле жактырып албадың беле, балам?

- Бекер кылыпмын, жаңылыштыгым ушул болду, болбосо койо турсам болмок экен, - деген Абсатар сырткы үйдөн бычак алып курчутуп жатты. Ал козуну сойгуча Умсунай келип калды.

- Бардыңбы, балам?

- Ооба.

- Качпаптырбы улактар?

- Жок, үчөө-төртөө экен, ойноп жүрүшөт.

- Ошентсин, садага, беш-он күн чыдасаңар тоого кетирет. Эмне Аби козуну союртурбу?

- Ооба, мен эми ичеги артайын, апа, - деп келин чарасын көтөрүп чыгып кетти.

- Арта кой, садага, - деп кала берди Суусаркан.

Үн-сөзү жок келинди ким жаман көрсүн, көп келини болбосо, бир келинди жаркылдатып алып жүргүсү келет эненин, баласы да ошентсе деп ойлойт. Бирок уулунун түрүнөн улам чочулап калды, "Бул минтип турса канчага чыдайт бечара", - деп дагы толгонуп атты.

Абсатар козуну союп, жиликтеп үйгө киргизди да, жуунганы чыкты. Умсунай ичеги-карынды артып жаткан болчу. Анын жанына келип:

- Атаңкына барсаң келбей эле кой, - деди Абсатар.

- Ал менин ишим.

- Сен өзүңдү-өзүң билип калдың беле?

- Айтып жатсаң өзүм билем да.

- Мени менен эрегишпей калчы.

- Оюңа келгенди кыла бер, барчу жагыңа бара бер, анан көрө жатаарбыз.

- Сен баягыдан башкача болуп баратасың.

- Сендей болуп, бирөөнү таап алды деп турасыңбы?

- Ой эне-ең, тапсаң таап алчы, ушу сени караган бирөө болсо мурдумду туура кесип берейин.

- Мурунсуз калгың келип жатабы?

- Деловой сүйлөйсүң да мага, оозуңду кабыштырып коюп жүрбөйүн, - деп муштумун кезеп келе жатканда келин тура калып жашка толгон көздөрүнөн заар чача карады.

- Кой-койо бер, сенден аянган жан курусун, тирүүлөй өлтүргөнүң жетпейби сага? - дегенде Абсатар аялынын өңү боппоз болуп, таноолору кыпчылып, жини келгенинен калчылдап кеткенин көрүп, ары бурулуп кетти.

- Эн-неңди, долулугун кара мунун.

- Сага дагы көрсөтө элекмин, үйдөгү карыны сыйлап жатам, эгерде ал болбогондо сенин жаныңа жарым мүнөт турмак эмесмин.

- Аны аябай эле батаар жериң жогунан отурам дебейсиңби? - деп ого бетер жинине тийди Абсатар.

Умсунай андан кийин сүйлөгөн жок. Баарын жууп үйгө кирди да, өзү билип тамак асты, андан кийин эки кызынын кийим-кечесин, өз кийимин даярдап салып койду. "Кайненеме айтпай эле кетейин", - деп ойлонуп алды. Кечинде малды короого киргизип, Абсатар өзү жайгаштырды. Алтынчач менен Карачач атасын бүгүн көргөнгө баса калып, жанынан чыкпай тебелеп-тепсеп үстүнө чыгып, ойноп жатышты.

- Ато-оу, - деп Карачач чулдурап жанынан чыкпайт.

- Ата, эртең дагы кетпейсиңби? - Алтынчач андан бетер бучкактап отурат. - Кетпейсиңби, иштебей эле койчу.

- Күчүктөрүм десе, жумушка барам да.

- Барбай эле койчу.

- Ийи?

- Келбей койосуң да.

- Ошондой иштер бар да, кыздарым.

- Ыкы, - деп Алтынчач оңою менен ишенгиси келбейт, - калп айтасың, эми эч жакка барбай эле койчу.

- Үйдө отурсам, акчаны ким берет? - деп күлдү Абсатар.

- Иштегенде айлыгың кана, апамдын пенсиясы эле жарап жатат го? - деди Умсунай атайын. - Кээ-кээде бир шоколад ала келип берип койсоң, кубанып калышмак, апам эле билгизбей жатат болбосо…

- Сен калдың эми, - деп Абсатар күңк-мыңк этти.

Аңгыча тамак бышып, этти чыгарып келип, Умсунай колго суу куюп, чараны кайненесинин алдына койду. Бул улууларды сыйлагандык, улуудан озунуп балдары да, чоңдору да тамакка кол салган эмес, Суусаркан дагы балдарын ошого үйрөткөн. Тамактанып бүткөндөн кийин Суусаркан Алтынчачты алып, өз бөлмөсүнө кирип жатып калды. Умсунай болсо Карачачты кучактап алган. Эри экөө эки жакты карап, эки башка ойдо болуп жатышты. "Мен эми буга жалдырабайм, эртең кетем. Эки кызымды алып шаарга кетип калайын, ушунун көзүн карап жүрмөк белем", - деп ойлоду Умсунай өз чечимин бышыктагандай. "Эн-неңдурайын десе, кетип калбай менден эмне күтүп жүрөт, үйдөн эле чыкса Айжамалды киргизип алат элем", - деди Абсатар оюнда. Бир мезгилде Умсунайдын бутуна чөгөлөөчүдөй болуп, өзү жалдырап бараарын азыр ал оюна да алган жок, тек убактылуу гана кумардын азгырыгында жүргөнүн туйбады. Эртеси эртең менен Суусаркан Абсатарды ойготту.

- Аби, тур, балам, атты токуп бер.

- Таң атпай эле кайда бармаксың эми? - Абсатар уйкусурап тургусу келбей ыңгыранды. - Койо турчу бир аз.

- Түш болуп кетти, кыздарыңдын турганы качан, бол эрте чай-пай ичип алып, атты токуй кой. Өзүң ишке барасыңбы, балам?

- Түш болуп кеттиби? - Ыргып тура калды. Түнү бою селкисин ойлоп, уйкусу качып уктай албай жатып, көптө көзү илингенге уйкусу канбай калган.

- Ушу силердики өттү, жөө эле барбайбы эми.

- Көп сүйлөбөй тур, эки кызы менен жөө бармак беле?

- Мына турдум, - деп кийинип жатып да, Умсунайды сөгүп сөздөп алды. - Эн-неңдурайын десе, - деп эшикке чыгып жуунуп келди да, чай ичип алып, Умсунайдын бууп түйүп койгон жүгүн көрдү. - Биротоло кетип жатасыңбы? - деди мыскылдуу.

- Сен жаман адам болдуң, балам, эки кызың менен аялыңдын кеткенине ичиң ачышпайбы? - деди Суусаркан эне.

- Эмне болуптур, сураса да болбойбу?

- Умсунай кетпейт эч жакка, ал кетсе мен дагы кетем, бүгүн ата-энесине барып келсин.

- Ушунча жүк менен кетеби?

- Балдардын кийими да.

- Эмне болсо ошол болсун, мен атты токуюн анда, - деп чыгып кетти.

- Сүйлөй берет ар-рам, көпкөн эме да, - деп келинин жубаткан болду Суусаркан эне.

Умсунай үндөбөдү, кайненеси салып берген жарты козунун этин, сары май, сүзмөнү жүктөп алып, бирин өңөрүп, бирин учкаштырып, төркүнүнө жөнөп калды. Ал үйүнө келсе Сагынбек мас болуп жаткан экен. Үмүтай кызын тосуп алып, неберелерин өөп үйгө киргизди.

- Кандай, апа, жакшы эле жатасыңарбы?

- Жатабыз, балам, атаңдын кейпи болсо баягы, оңолоюн деген ою жок, балдар болсо чоңойду, кантип ичип-жеп, кантип кийинтем деп ойлобойт, - деп Үмүтай кейип кетти. - Буга эми кудай эле ынсап бербесе кыйын болуп калды…

- Кейибе, апа, акыры ичпей калаар бир күнү…

- Ким билет, үйдө жалам талкан жок, эки күндөн бери ачка отурабыз, эрте кетип өзү мас болуп келди.

- Койчу, апа, капаланганда эмне, ордуна келе калмак беле, атам да киши болуп калаар, - деп баштыктарын ачып, май-сүзмө менен этти алып чыкты. - Буларды кайненем атайын берип ийди.

- Кудай жалгасын, өзүң эле бактылуу болсоң болду, кызым, атаңдын айынан башыңды өйдө көтөрө албай калдың го. Азирет менен Адилет да чоңоюп калышты, теңтуштарынан уялып бүттү, Ариет менен Сагынай болсо жашыраак, ойноо эмеспи, анча билишпейт.

- Атам ойгонсо айтам го мен дагы.

- Сенин айтканыңды укса жакшы эмеспи, балдарым чоңойду деп, ойлонуп уялып калса кана? - Үмүтай үшкүрүп алды.

- Угат, укпай эмне, - деген Умсунай жанында жүргөн акчасын апасына берди. - Буга ун алып келип алгылачы, апа.

- Кайненең эмне дейт, акчаңды коротпой эле койсоңчу.

- Бул качантан бери катып жүргөн акчам, бир кап алып алгыла, - деди Умсунай көңүлдүү, эптеп капаланган апасынын көңүлүн жубатуу үчүн.

- Азирет келсин, Адилет экөөнү ээрчитип алып өзүң бар, антпесең атаңдын карызына кармап калат, - деп Үмүтай күңкүлдөп күнөөлүүдөй айтты. - Ушунун азабынан же тууган-урукка, же төркүн-төзгө каттай албай калдык, күндө ушул мунун адаты.

Умсунай дүкөнгө барып, бир кап ун, эки кил шекер, эки литр май алды, анан үйгө алып келишип бапырап калышты. Кечке маал Сагынбек ойгонуп, тамтаңдап сырткы бөлмөгө чыкты.

- Ата, кандай акыбалың? - Умсунай атасын кучактап эркелеген болду, буруксуп жыттанган арактан улам кускусу келип кетти. - Ата, ичпей эле койчу?

- Эмне, менин ичкенимден зыян тарттыңарбы?

- Ата, балдарың чоңоюп калды, үйдүн кебетесин карачы, эчтекеңер жок, жадагалса жей турганыңар калбаптыр го?

- Апаңа айт аны, баксын балдарын.

- Ата дейм, мени укпайсыңбы?

- Азыр башым ооруп турат, андан көрө жүз грамм алып келип берчи!

- Менде акча жок да.

- Жок-жок, эле дейсиңер энең экөөңөр, - деп жини келип сыртка чыгып кетти, азыр анын көзүнө жүз грамм гана көрүнүп турган болчу.

- Ошол кеп угат дейсиңби, кызым, өмүрүмдү кор кылдым го ушул үчүн, кантип жашайбыз мындан ары, же элдей болуп сатаарыбыз болбосо…

- Кейибечи, апа, мен келсем эле ушундайсыңар, мен Абсатардан ажышарып шаарга барып иштейм да, силерди багам.

- Ал эмнең, ажырашам дебе, эки кызыңды кимге көз каранды кылмак элең, кайненең да жакшы аял, жашооң кудайга шүгүр, кардың ток, биздин жашоо өтөөр эптеп, - деген Үмүтай ыйламсырай отуруп калды. Бир аздан кийин Сагынбек теңселе мас болуп кирип келди.

- Кызыңа арыздангыча иштебейсиңби өзүң, - деп кычыланып кирди.

- Отурчу, мен арызданбасам деле көрүп турбайбы, мен иштей турган иш болсо сенсиз эле иштемекмин, балдарды ойлосоң боло?

- Ата-аңын оозун урайын десе, эмне чууртуп төрөй бер дедим беле?

- Кесир кылба, кудай берсе төрөйм да, бир балага зар болгондор бар, сен кесир кылба, кудай дечи.

- Мен эмес дипломдуулар иш таппай жүргөндө мени эмне кыйнайсыңар? - деп жинденип кетти. - Мен эле жыргаганымдан ичип жүрөмбү, айла жоктон ушинтип жүрөм да.

- Ботом, эркек кишиге иштесең иш көп, тигине чөп чап, дубал ур, шыбак шыба, эч болбоду дегенде туалет каз! - деди Үмүтай күйөөсүнө.

- Эй акмак, эми мени туалет каздыргың келип калдыбы?

- Оокатка намыс барбы, төбөң менен жер казсаң дагы балдарды үйлөнтүшүбүз керек, короо-жайды оңдош керек, көп милдеттериң турат. А сен эчтеке менен ишиң жок отурасың, ичкениң арак, көзүң ачылбайт. Кыздан алдык, эчтеке бергенибиз жок, мунун кайын журту деле айтат да, эки кыздуу болду, жок дегенде бешик бере албадык.

- Эй сен менин башымды оорута турган болдуң го? - деп аялын ормойо карады Сагынбек. - Мен эмне бар болсо аяп жатамбы?

- Сенин карызыңа төлөп жүрүп жайдак калдык, - дегенде Сагынбек аялын чак эттире бир чапты, эчтеке ойлобой отурган Үмүтай отурган жеринен кулап кетти. Балдары эмне болуп кеткенине түшүнбөй да калышты. Умсунай чаңырып ийди.

- Ата-а, бул эмнең?! - деп Умсунай апасын өйдө кылганда ал көзүн чала-була ачып, араң үн катты:

- Эмне болуп кетти мага?

- Жакшы элесиңби, апа?

- Жакшы, - деп өйдө болуп балдарын карады, үрпөйүп отурушкан балдары үнсүз. Умсунайдан кийинкиси, уулдарынын улуусу Азирет:

- Ата, минтип жүрсөң апамды өлтүрөсүң, биз мындан ары сени менен жашабайбыз, - деди.

- Ийи, кайда кетесиңер?

- Өзүм билем, апамды алып, сенден кетем.

- Ой бала, атаңды таштап кеткенде эмне тапмаксың ыя?

- Үйдү арзан баада болсо да сатып, шаардан үй алам, иштеп апамды багам, сен кайда барсаң өзүң бил! - деп сыртка чыгып кеткенде Сагынбек делдейип отуруп калды.

Кулак түпкө байкоосуздан тийген соккудан Үмүтайдын алигиче кулагы дүңгүрөп турду. Умсунай аны карап, тамак берип, жанында болуп жатты. Ошентип уруш-талаш менен арадан бир жума өткөндө Умсунай Абсатардын башка аял алып алганын угуп, жини менен минген атты базарга алып чыкты да, сураган баасына сатып ийди. Анан төрт ини-сиңдиси, эки кызы, апасы болуп шаарга жөнөп кетти. Келген күнү абдан кеч болуп кеткендиктен, автовокзалга түнөп, эртеси батир издешти. Эки бөлмөлүү ээси жок времянка таап киришти. Бир топ акчасы төшөнчү менен идиш-аякка кетти. Акыры сооданы эмнеден баштаарын билбей башы катты. Эки инисине лимонад алып берди, күндүн ысыгында суусундук жакшы өтүп, экөө бир заматта эки жашиктен сатып келе калышат. Өзү пирожки сатканга реализатор болду. Кечке үчөө базарда иштешет. Инилеринин лимонад сатып тапкан акчасын эсептеп, пайдасын өзүнчө бөлсө бир топ акча түшүптүр. Ошентип бир айдын ичинде батиринен сырткары көп акча жыйнап, Үмүтайга каттыра берди. Тамак-ашка кенелип, кийим-кечеге да жетип калды. Билинбей эле арадан эки жыл өтүп кетти. Бул арада Умсунай инилерине орун алып берип, товар менен отургузуп, өзү бир жерге отуруп, үчөөлөп иштей баштады. Үчүнчү жылы бул бечараларга боор ооругандай эле өздөрү жашап аткан эки бөлмө времянка сатыла турган болуп калды. Баасын сураса чогулткан акчасы аз-маз жетпей калды, ары айтып, бери айтып жатып болгон акчасына көндүрүп, эптеп алып алышты. Үйдүн документтери бүтүп, Умсунайдын артынан үйлүү болуп калышты. Көңүлдөрү жайланып, тынч өмүр сүрүп жатканда…

Абсатар Умсунай кеткенде эле Айжамалды үйүнө ээрчитип келди. Анын тик карашы, чакчырыла өзүн өйдө көтөргөнү Суусарканга жакпады. Бир аялынан ажырашпай туруп эле жесир келинди алып алганына коңшу-колоңдору таңгалышты. Канткен менен өзү билет дегенге такала нике кыйдырганда тойчугуна келишти. Айжамал келген күндөн эле Абсатарга кыр көрсөтүп кирди.

- Аби, апаңа жакпай калдым го, мени жесир деп жек көрүп жатат окшойт, - деди төшөктө эркелеп жатып.

- Койчу, жаным, апам андай эмес, ошондой көрүнүп жатса керек, - деп жан-алы калбай өпкүлөп эркелетти Абсатар.

- Аби.

- Оов, жаным.

- Апаң карындашыңдыкында болгону жакшы го дейм?

- Ийи, жаным?

- Мен көнгүчө ошол жакка жиберип турсаң жакшы болот эле…

- Жаным, мен жалгыз баласы болсом эл эмне дейт?

- Эмне болмок эле, келинге караганда кызыныкында дурус болмок, сен экөөбүз дагы ээн болот элек.

- Болбойт го, айтып көрөйүнчү.

- Айтып көрбөй эле жакшылап айт, бир жылдай туруп турсун, андан эчтеке болбойт, бара турган жери болбосо бир жөн.

- Апам көнбөс бекен?

- Анда шаарда карылар үйү деген бар, пенсиясы менен өткөрүп кел, жакшы карайт.

- Эмне, карылар үйүнө, апамдыбы?

- Эмне болмок эле, сенден кыйын байлар алпарып коюшат да, өлгөндө алып келип көмүп алышат.

- Койсоңчу, Айжамал, мени ушунча багып өстүргөн энемди кантип карылар үйүнө таштайм? - деди Абсатар кыйыла.

- Анда апаң менен жашай бер!

- Айжамал, мени уксаң, экөөбүз балалуу болсок апам багып берет, зыяны деле тийбейт.

- Ушул апаңа баламды бактырганча төрөбөй койгонум жакшы эмеспи, - деп тултуңдаган Айжамал терс карап кетти. Абсатар анын таарынычын жаза албай убара. Эртең менен эрте туруп, чайын кайнатып, алдына койчу Умсунай жок, Суусаркан өзү чай коюп, жаткан төшөгүн жыйып, эшик-эликке чыгып келди. Бирок уул-келининен дайын болбоду, аргасыз эшигин такылдатты.

- Ки-им? - деди келиндин үнү.

- Түш болду, ботом, аталуу алты, энелүү эки тойгуча жата бересиңерби, кудайдын эртең мененки чачкан ырыскысынан куру калып жатасыңар, тургула болду, - деп коюп, кайра өзү жаткан бөлмөгө кирип, отуруп калды.

- Көрдүңбү, бу апаң мага күн көрсөтпөйт, тур эле тур деп, - деди Айжамал мурчуңдай.

- Койчу эми, кары кишинин сөзүнө таарынбай, - деп Абсатар аны жасакерлене тургузду.

- Мени ата-энем эч качан эрте тургузчу эмес.

- Эми сен келинсиң, аял деген келген жерине кызмат кылат.

- Сен эмне мени күң кылып алгың келеби?

- Жо-жок, жаным, мени сүйгөнүң кайсы сенин, сүйөм дечү элең го, эгерде сүйсөң тилимди ал, шартка көн, көпөлөгүм.

- Апаңды үйдөн кетирбесең, баары бир биерге турбайм.

- Аны сүйлөшөбүз эми, жүр апама чай берели, - деп Абсатар аны чай бер деп айта албай өзүн кошуп айтты.

- Күүлүү-күчтүү эле экен, өз чайын өзү кайнатып иче берет, андан көрө апаңды кетирбесең экөөбүз шаарга кетпейлиби, Аби, - деп эркелей чоюштады Айжамал.

- Койо тур эми, бир жума эле болбодубу келгениңе, - деп ээрчите сырткы бөлмөгө чыгып, жуунуп чогуу киришсе, Суусаркан өзү чай ичип отурган экен.

- Эне көргөн кыз эмес, өтүк кийген бут эмес деп тарбияң барбы, айланайын, баламды азгырып алгандан кийин мени да жакшы көр, мени да бак. Аби менин көзгө басаар жалгыз уулум, эрте туруп чай бер, - деди Суусаркан жини келе. - Эчтеке көрө элек такыячан кыз болсоң бир жөн, ачууну да, таттууну да көрүп, эшик аттап калган келиндин кериле түшкө чейин уктаганы эмнеси?

- Апа, койчу эми, турат да мындан ары…

- Ок ар-рам десе, чырактай аялыңды, чолпондой кыздарыңды ушул келинге айрыбаштадың, уят барбы сенде ыя?!

- Апа…

- Апа дебе, катыныңды ээрчит да кайда барсаң ошо жакка кеткиле! Мен сени ушундай кылып тарбияладым беле ыя?

- Апа, кечир мени, бирок Айжамал көнгүчө койо турсаң.

- Көнчүдөй беш көкүлчөн кыз беле, такымын жеп, бир эрдин башын жерге киргизип, бышып келген неме мени сенден бөлгүсү келип калган тура. Мен азыр Сейтаалыга барайын, кызын кандай кылып тарбиялаган ыя, тарбиялуу энесине өйдө карабаган баламдын башын айлантып, энеңди кетир, же биз кетели дегенин кара, - деп ордунан турду.

- Мен эмне кылыптырмын?

- Тирмиңдебе мага, эне-атаңдын көзүнчө айтам сенин эмне дегениңди, баламдын жооштугунан пайдаланып, мени кетире турган сенсиңби ыя, али андай келин туула элек! - деди да, Суусаркан кагынып-силкине эшикти көздөй жөнөдү.

- Апа, каякка барасың, жөн эле турбайсыңбы эми, - деп Абсатар апасына карады.

- Эмнеге жөн болом ыя, чырактай аялын, кыздарын кетиртип тийгени аз келгенсип энесине чабуул койгон келинди кандай аял тарбиялаганын көрөйүн, - деп жулкунуп короосунан чыкканда Айжамал Абсатарга тултуңдады:

- Апам аябай жакшы, тим эле укмуш дебедиң беле, ажылдаган энең бар тура.

- Койчу эми, Айжамал, сен барып, апамдан кечирим сурап алып кел, болбосо апам сеникине барып, ишти өлтүрөт, - деди кучактап, жаш баланы эркелеткенсип жалдырай.

- Ошондо эле келеби анан?

- Сен барып, кечирим сурасаң келет.

- Макул, бирок бир гана жолу апаңдын алдынан кечирим сурайм.

- Иши кылса барып алып кел.

- Макул, - деп Айжамал жолго чыкса кайненесинин карааны көрүнбөйт, жүгүрүп үстүңкү жолдон көрө калып, жетип барды.

- Апа, кечириңиз мени, ата-энемде эмне күнөө, күнөө менде, апа, барбай эле коюңузчу…

- Ийи, энеңди жогот дегениңди угуп отура берейинби?

- Апа, кечириңиз мени, экинчи айтпайм, жүрүңүз үйгө.

- Болуптур, мен энемин, биринчисин кечирсе кечирейин, - деген Суусаркан кайра артка кайрылды.

Айжамал сыртынан күнөөсүн мойнуна алгандай башын жерге сала жалооруй караганы менен ичинен жини келип: "Бул өлүп эле калбаса кетпейт го эч жакка, кантип кутулам, эптеп маң баш баласын алдап, шаарга алып кетип калам", - деп кемпирге кекенип келе жатты. Үйгө келгенден кийин аргасыз үй жумушун кармаламыш этип, тамак жасап жүрдү. Суусаркан дагы оңой аял эмес да: "Менин баламдын башын айланткан немени көрөйүн, же чыдасын, же артын карабай кете турган болот", - деп кадамын карап кылт этсе эле байкап турчу. Айжамал күндүз эптеп кыбырап жүрүп, кечинде Абсатардын кулак-мээсин жейт. Ошондой күндөрдүн бири, кирлерди жуубай үйүп коюп, күйөөсү экөө күңкүлдөшүп жатканда Суусаркан кирип келди.

- Ой келин, кириңди жуубай эриңди эми көргөнсүп эмне кылып жатасың ыя, илээндилигиңде чен жок экен да, өзүң билип жасай албайсыңбы, же мен жууп берейинби?

- Апа, өзү жууйт да эми, - деп Абсатар ортого түшө калганда эне уулун акырын түртүп койду.

- Зайыппана кылып өстүргөн эмесмин сени, эркексиң, балам, аялдардын ишине киришчү болбо. Кечээ келген келинче үлпүлдөйсүң турасың, апаң деги сага иш кылдырып көндүргөнбү, же арамзалыгыңбы, бир үйдүн түйшүгүн тарта албасаң ачыгыңды айт, - деди кайраттуу.

- Апа, жасап эле жатам го, - деди Айжамал тултуңдай.

- Жасаганың ушубу, кылганыңдын баары чала, дурусураак жасасаң боло бир.

- Жакшы эле жасап жатам го, апа, - деди Айжамал, ал энеси менен баласын башкарып алам, айтканымдан чыкпай турган кылып койом деп ойлогон, эми ою тескерисинен чыгып, кайнененин сынына кабылганына жини келип жатты. Эгер бир нерсе деп кайым айтса, дароо какшанган кайнене ата-энесине жетээри бышык. Атасы аны аябай катуу кармачу, бирок ата-эненин тилин уккан да, укпаган дагы балдар болот эмеспи. Айжамал ошол кеп-сөз укпагандарга кирчү. Биринчи күйөөсүнө баргандан көп өтпөй эле ал өлүп калган, киши колдуу болду. Анда дагы кайненеси: "Келип-келбей жатып баламды жалмадың, жолуң жаман экен", - деп, элүү күндүгү өтөөрү менен апасы барганда кошуп берип ийген. Абсатарга тиймек болгондо апасы: "Жакшы жүр, барган жериңе жакшылык алып келе турган бол, кызым. Артыңдан жаман сөз укпайын, кокус бир сөз уксам бул үйгө кайрылып, ата-энем деп келбей эле кой", - деген болчу. Ошондуктан коркуп калды. Өз оюнда картаң кемпирди өзүм каалагандай башкарам, Абсатар мендик болсо энесин кетиртип ийем да, өзүм билем деп ойлогон. Эми кайненеси кылган ишинен кыйкым таап турчу болду. Кээде жасаган тамагын да жактырбайт. Ушуларды ойлонуп, үйдө камыр жууруп жаткан.

- Ыя айланайын, кир жууп көрдүң беле деги, бул эмне дегениң, дегеле эчтекеси кетпептир го? - деп Суусаркан эшиктен эки шейшепти көтөрүп келди.

- Эмне болуптур?

- Эмне болду деп, кургаса кири кубараар деп илгери бир катын сууга салып, жайып койчу экен. Сен тиги Кемчонтойдун аялы Багдагүлчө чыдаса чыдасын, чыдабаса жок деп жүргөн немесиңби, деги максатың эмне ыя?

- Апа, андай оюм деле жок, - деп мукактана түштү Айжамал. Сыртта жүргөн Абсатар апасынын кайратына ичтен кубанып: "Баш ийдире турган болду, деги жакшы болду, азамат, апа", - деп кымыңдап коюп жүрө берди. Бир күнү түшкө жакын Айжамалдын апасы Асылай келип калды. Суусаркан эшикте жүргөн, атка куржундун эки көзүн толтуруп алып, короонун эшигине келип токтоп, жүк түшүрүп жаткан ким экенин боолголой басып барды.

- Келгиле, айланайын, келгиле, - деди бейтааныш аялга.

- Келдик, кудагый, Айжамалга учурашып келейин деп өзүм келип калдым.

- Келгениңер жакшы го, баланын алачыгында жесир аял, жетим бала тургансып айтпай келгениңерге жол болсун, же тосконго кудурети жетеби, жетпейби деп аяп, сынап турасыңарбы? - деди кыртышы сүйбөй.

- Апей, кудагый, жаманды ит талайт дегендей эшик-төрүңдү көрө электе кыйгачтайсыз да, же тоготуп баш алдык эле деп койбодуңар.

- Баш алдык эле деп бүгүлгүдөй баламдын башы бош эмес эле, күтүлбөгөн окуяга өзүм да не дээримди билбей турган чагым.

- Менин кызым балаңдын үйүн бузгандай болгон го?

- Албетте бузду, эки кызы менен үйгө аялын калтырып коюп, ошол жакта жүрсө бузганы ошол эмеспи.

Эки кудагый учурашпастан эле айтышып калышты. Абсатар аларды көрүп, басып келди.

- Апа, конокту үйгө кир дебейсизби?

- Ботом, кирбе демек белем, суроого жооп болду да, кир-киргиле эми, - деди Суусаркан кудагый дегиси келбей.

- Келдик, айланайын. - Асылай жини келип турса дагы кара күчкө жылмайды. - Кел, балам, буларды алып кир.

- Кире бериңиздер, - деген Абсатар башын кашый кемпирлерди бир карап, куржундарды бир карап туруп калды. Анан көтөрүп, артынан кирди.

- Бир эл, бир жер болду деп кубандык эле, кудагый, андайын билгенибиз жок, - деди Асылай кирип келе жатып. Айжамал апасынын үнүн угуп чыга калды.

- Апа!

- Кандай, кызым? - Эне-бала кучакташып калды. - Акыбалың жакшыбы, айланайын кызым?

- Жакшы, апа, жөн жай элеби?

- Ботом, баш алдык деп алдыбызга бирөө-жарым барбады, кандай болуп кетти деп, кабар алганы келдим, - деди Асылай.

- Азыр менин келин алам деген оюм жок болчу, келиндүү элем, бир эле балам бар, баш-аякты жыйгыча ушул болду, - деп Суусаркан дале моюн бербей кыйгачтап жатканда Абсатар куржунду зорго көтөрүп кирди.

- Келиндердин да колу бошобойт, өзүм учурашып келейин деп эле баса бергемин, - деп апасы Айжамалга карады. - Атаң кой союп берди эле, - деди. Айжамал дасторкон жайып, чай койду, алдастап болгон нерселерди алып келип коюп да, төгүп-чачып да жатты.

- Айжамал өзү үй тиричилигин кармап көнгөнбү? - деди Суусаркан дале кудагый дегиси келбей.

- Апей, ботом, кармап эле жүргөн.

- Кармап жүрсө азыркысын өзүңөр көрүп турасыңар, кир жууса чала жууйт экен. Эртең менен эз-зели эрте туруу деген жок, түш болгондо өзүм тургузам. Мен кары кемпирмин, эртерээк туруп чайымды берсин, жалгыз баланы не гана кылып бакпадым. Эми мен уул-келинден сый көрөмбү же карылар үйүнө алпарып таштагысы келеби, кызыңдан сурачы?

- Капырай, өтө эле кергиштеген жан экенсиз, кызым деле ата-эненин тарбиясын көргөн кыз, андайга барбайт, - деди Асылай Айжамалды карай. - Бул үйгө, кызым, тозокко айдаган күнү туш келгенсиң го?

- Апа…

- Айта бер, айланайын, чечилбеген нерсе болбойт, чырактай келинимди ушул үйдөн жакшынакай жашап жатканда томсортуп койбосо мен дагы маңдай жарыла сүйүнмөкмүн. Чырактай эки кызы атасынан ажырап калды, кантип ичим жылыйт? Эми мейли баламдын көөнү десем апаңды жогот дейт бир күнү кызың, же кызыңды кайненеңди кетирип, ээн-эркин бол деп үйрөттүңөр беле?

- Айжамал, ушунун баары чынбы?

- Апа, кечирим сурадым го? - Айжамал жер карады.

- Жалгыз баламды менден, мени андан бөлөм деп убара болбосун, эгерде андай болчу болсо, чечимди мына мен чыгарам. Каалаган жагына барсын, балама да айтамын, тынч гана эне-ата көргөн, тарбиялуу келин болуп берсе мен уруксат беремин, анан мен келиним деп кабыл аламын. Баламда да кеп бар, кана, азыр экөөң тең менин көзүмчө чыныңарды айткыла! - деди Суусаркан. - Мен карылыкка алдырып, келиндин кагуу-силкүүсүнө кабылып отуруп кала турган акыбалда эмесмин.

- Апа, - деди Абсатар нымтырай.

- Жок, балам, мен сени түшүнүп турамын, алып келе электе көп убада бергениң көрүнүп турат. Жаркылдаган келинимди кетирип тийген келин мага ошол келиндин өзүндөй болуп бере алса гана уулумдун түбөлүк жары боло алат.

- Кудагый туура айтат, атаң укпасын мындай сөздү, силер карыны кайда кетирмексиңер кокуй? Баланы тууп өстүргөн ата-эне бүт өмүрүн бала деп сарптаса, келип-келип алар баркыңды билбесе, анда балалуу болуп кереги не? - деди Асылай.

- Кечир, апа, кечиргиле…

- Кудагыйдын кийимин кирдетпей, кардын ачырбай, жакшы кара, кызым, эми эле тебетей тегеренгенче өзүңөр ата-эне болосуңар, ошондо өзүңөрдү балдарыңар дал силердей кылат.

- Кечириңиз, апа, - деп Айжамал тизелей калып, Суусаркандан кечирим сурады.

- Кел эми, кудагый, бу келиндин төрөгөн энеси кандай болду экен, кандай жердин кызы экен деп жүрдүм эле, бир айылдан болсок да бири-бирибизди жакшы билбейт экенбиз. Айжамал келгени мага кыр көрсөткүсү келди, мен мындайга моюн бербей турган аялмын. Баламды да туңгуюкка калтырбайм, алган жары өзүнө жарашып турса мен эмнеге каршы болмок элем? - деди Суусаркан жибий.

Асылай ичинен жаман көрүп турса дагы сыртынан күлүп, кызынын кыял-жоругун жакшы билгендиктен күйөөсүнө жеткирбеске жагалдана отурду. Суусаркан кудагыйына арнап бир козу сойдурду, анан коңшусунун тестиер баласын кудасына жөнөттү.

Сейтаалы адегенде көнгөн жок, анан ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, барбай коюуну туура көрбөдү. Көк чологун минип алып келип калды. Абсатар кайнатасын колтуктан ала аттан түшүрүп, үйгө киргизди. Суусаркан эки абысынын чакырып, коңшуларынын келиндерин казанга койду. Жакшылап сыйлап, кетээринде кешикти мол салып, куда-кудагыйына кийит кийгизип узатты.

Айжамал дагы деле кайненесин көргүсү келбейт, түн кирсе күйөөсүнүн кулак кужурун алып кирет. Кечке чарчаган Абсатар кечинде Айжамалдан мурун жатып алган эле, келип эле түрткүлөдү:

- Аби, эй Аби, ойгончу.

- Эмне болду эми?

- Ойгончу.

- Ийи мына, эмне болду?

- Ушинтип жүрө беребизби?

- Эмне кылыш керек эле?

- Элчилеп шаарга барып иштебейлиби?

- Койсоңчу, апам жалгыз калат да.

- Апам-апам дейсиң, апаңды карап жүрүп картайып кетебизби?

- Эмне кылат элем…

- Ушу сенин башың иштебейт, айыл өкмөттө иштеп алганың үч миң сом, элчилеп ойноп күлбөсөк, - деп тултуңдай берди.

- Бая күнү апаң келгенде оңолуп эле калбадың беле, кайра баштадыңбы? - Абсатар ыңгырана бери бурулду. - Мен апамды таштап эч кайда кете албайм, Айжамал.

- Анда мен сени менен жашай албайм.

- Эмнеге?

- Ошого, жаш кезде ойноп-күлбөсөк жашоонун кызыгы кайсы?

- Айжамал, буйруса балалуу болсок, анан досторду чакырабыз.

- Мен төрөбөйм.

- Ийи?

- Менин чоң максаттарым бар.

- Максатың болсо күйөөгө тийбей койбойт белең?

- Жалгыз бармак белем?

- Кызыксың го, адам өз максатын жалгыз гана орундатат.

- Сени менен шаарга барам, анан экөөбүз аябай байыйбыз.

- Шаарга баргандын баары байып кетти деп кимден уктуң? Андан көрө колдо барга шүгүр деп, тынч эле оокат өткөрө бергенибиз оң го, эртең мал-жан каттоо болот, уйку берчи. - Абсатар кайра ары карап жатып алды.

- Эртең мен үйгө барып келейин.

- Койо тур, апам өзү ырым-жырымы менен жөнөтөт.

- Ага чейин качан, апам-апам эле дей берет экенсиң.

- Апам мен үчүн баардыгы, Айжамал, мени апам кандай үмүт-тилек менен бакан. Мен анын тилегин аткарып, үмүтүн орундатышым керек, бактылуу кылышым керек билсең. Ошондо гана мен өзүм бактылуу болом, уктуң беле бейиш эненин таманында деп, андан өткөн баалуу нерсем жок менин.

- Анда сен энең менен жашай бер, мен биротоло кетем.

- Айжамал, койчу эми, сен экөөбүз бактылуу болобуз деп кыялданчу элек го, бир аз чыдасаң биз бактылуу болобуз. Балалуу болушубуз керек, сен мага уул төрөп берчи, Айжамал, - деп бери оодарылып кучактап калды. - Айтчы, уул төрөп бересиңби?

- Мен уул төрөгөндө эле апам-апам деп турсаң кыжырым келет, балалуу болсом апаң баланы кармалап, менин кыжырымды кайнатат да.

- Айжамал! - Абсатар тура калды. - А сен өз апаңды кандай көрөсүң?

- Менин апама асылба!

- Сен дагы менин апама асылба.

- Үйүңө алып келе электе берген убадаларың кана?

- Эмне дедим эле?

- Апам көбүнчө кызыныкында болот дебедиң беле?

- Кээде барат, бир жылда бир барат, мен апамды жалгыз уулу катары багууга милдеттүүмүн. Мейли, Айжамал, кетсең кет, айла жок анда, экөөбүздүн жолубуз эки башка экен…

- Эмне, кетсең кете бер дедиңби?

- Анан эмне демек элем, арга жок.

- Сени элеби, сени шашпа, өз колум менен өлтүрүп саламын, ажалыңдын себеби билинбей калат. Кудайга үнү жетип энең боздойт, ошондо аркы дүйнөдөн көрүп турасың! - деп Айжамал кийимин кийине баштаганда Абсатардын оозуна сөз кирбей калды. Бир топто ордунан туруп барып, Айжамалды карыдан силке өзүнө тартты:

- Сен эмне дедиң, ачык айтчы мага? - деп көздөрүнө тигилди. - Сен эмне, киши өлтүргүчсүңбү?

- Башымды оорутпачы! - Айжамал капысынан оозунан чыгып кеткен сөздү жымсалдай албай аргасы кете жулунду. - Койо бер, кетем!

- Жо-ок, сен эч жакка барбайсың, мени кантип өлтүрүп, апамды кандай боздотосуң, ошону айтчы?!

- Аби, жиним келип эле айта салгамын.

- Сен чыныңды айттың, демек күйөөңдү сен өзүң өлтүргөн азезил экенсиң да. Жат азыр ордуңа, эртең менен аман-сооңдо өзүм жеткирип берем, - деп төшөккө түртүп ийди.

- Аби, кечирип койчу мени, мен жөн эле оозума келгенди айта салдым, эмне дегенимди өзүм да билбейм, кечирип койчу, Аби, - деп Айжамал айлакерленип жатты.

- Болду, мен эми сендей аял менен жашабайм! - деп Абсатар эшикке чыгып кетти. Айжамал оозунан чыгып кеткен сөзгө өзүн-өзү күнөөлөп, эчак өткөн окуяны дагы бир сыйра көз алдына келтирип алды…

Айжамалды Акылбек ала качып алды. Бир көргөндө эле сүйүп калып, достору менен ала качып келгенде ата-энеси кубанып тосуп алды. Төркүндөрү кубалап келип, баары өз-өз орду менен болуп жатты. Ошентип акыры экөө өздөрүнүн бөлмөсүндө жатканда Айжамал:

- Акылбек, биз өзүбүзчө жашайлычы, - деди.

- Эмнеге?

- Бөлөк жашаганыбыз эле жакшы го?

- Жок, иним үйлөнгүчө атамдар менен чогуу жашайбыз, анан Асылбек аял алса бөлүнөбүз, - деди Акылбек.

- Сен анда ата-энеңдин эмчегин эме тургансып жүрө бер, мен кетем, - деди Айжамал албууттана.

- Айжамал, андай дебечи, кетем дебе, жаным, мен сени сүйүп алгамын, Айжамал, - деп Акылбек жалдырап жатып, таарынычын жазды.

- Сен ойлосоң, биз али жашпыз, шаарга барып иштесек элдей болуп, особняк үй сатып алабыз, ошондо туугандарыңдын баары бизге суктанса кандай сонун, уктуңбу, Акылбек?

- Ойлонуп, атамдарга кеңешип көрөйүн ээ?

- Макул, мени түшүнгөнүңө рахмат.

- Жаным, мен сени жанымдай көрөм, - деп экөө кучакташып жатып калышты. Эртеси эртең менен түшкө чейин уктаган уул-келинине ачууланган кайненеси өзүнчө наалып жатты.

- Кандай келинге туш келгенбиз, өзү аз келгенсип түшкө чейин эрин кучактап жатып алганы эмнеси, ботом? Келин алып, колум узарат экен десем, кайра эле кара казан колума тийди.

- Ой кемпир, эмне эле наалып жатасың, жаш эмеспи уктаса уктап алсын, - деди Арзыкул аялын тыйып.

- Жаш деп тим койсок төбөбүзгө чыгат булар, ана балаңды өзүң тарбияладың эле, эрте тур деп көрчү.

- Кой, акырын айтып түшүндүр да.

- Сен айт акырын, мен катуу эле айтам, келин деген эрте турат, төркүнүндө төркүлөп жаткансып түшкө жете уктагандан уялбайбы?

- Бар эми, ойготпойсуңбу?

- Ойготом эле, мындан ары эрте туруп жүрсүн, - деп уул-келини жаткан бөлмөнүн эшигине жетип жетпей, - Ой, Акылбек, турбайсыңарбы, айланайын, түшкө чейин уктай бересиңерби? - деди.

- Апа, азыр, - деген Акылбек ушалана туруп келди.

- Аялыңды тур дебейсиңби, кайсы кудай аткан келин кайната-кайнененин көзүнчө уктайт ыя?

- Туруп жатат, апа.

- Туюп жатат апа деп койот, ушу сен катын кул болосуң го, эркек деген калбаат эле болбойбу! - деп силкине сыртка чыгып кетти. Акылбек кайра аялына кирди.

- Эрте турсаң болмок экен, түш болуп калыптыр, жүр эми эшикке чыгып, атам менен апама жүгүнүп коюп, иш кыл.

- Эмне иш кылам? - деди уйкудан жаңы көзүн ачып керилген Айжамал.

- Атамдарга чай бер, тамакты ысытып келесиң.

- Ай ушу, мен жокто кантип жашап жүрдүңөр эле?..

- Сен жокто өзү жасачу, келини турганда кантип жасасын?

- Тажадым, өздөрү эле иче бербейт беле? - деп кийинип, жоолукту салынып, сыртка чыкты да, чоюлуп ажатканага барып келди. Анан шашпай жуунуп, бөлмөсүнө кирип, көпкө сыланып-сыйпанып отуруп алды эле Мырзайым:

- Ой, Айжамал, ботом, келин алдым деп бутту сунуп отурбай эле кара казанды колума кармата турган болдуң го?

- Апа, эмне кылайын?

- Эмне кылат элең, чай бер бизге.

- Азыр.

- Азыр дегениң эмнең, сенден мурун эки келин алып дегеле сендейди көрбөптүрмүн, айттырбай өзүң жасабайсыңбы?

- Баратам го…

- Келиндерим сендей болгон жок эле.

- Ошо келиндериңизди кетирбей койбойт белеңиз?

- Опе-ей ботом, эмне дейт ой мына бул? - деп Мырзайымдын көзү чакчайып кетти. - Тилинин узунун кара, эми сен кызмат кыласың, уктуңбу?

- Көрөбүз, - деп кайра өз бөлмөсүнө кирип кетти Айжмал.

- Акылбек!

- Эмне болду, апа? - Акылбек сырттан кирип келди.

- Мына бул катыныңды азыр каерден алып келсең ошоякка жеткирип сал! - деп Мырзайым бакырды.

- Эмне болуп кетти? - деп Арзыкул кирип келди.

- Мына бул келинди кайдан алып келсе ошол жакка жеткирсин, мындай тарбиясы жок келиндин кереги жок, ата-энеси буга тарбия бербей эмне кылып баккан деги?

- Ата-энеме асылбаңыз, - Айжамал үйдөн чыга калды. - Кетсе кетип эле калам, сенин балаңа жармашып калмак белем?! - деп бөйрөгүн таянганда Акылбек аны сыртка алып чыкты:

- Ал эмнең, Айжамал, апама сен эмес, биз же кыздары каяша айтчу эмес, улуунун сөзүн угуп кой да.

- Кереги жок, мен минтип жашай албайм!

- Койчу эми, апамдан кечирим сурап кой.

- Эмнеге сурайт экенмин, керек болсо энең менден кечирим сурасын, - дегенде Акылбек жаакка бир чапты.

- Бар анда, кетсең кете бер, мага эне-ата табылбайт, катынды таап алам! - деп жетелеп короодон чыгарып койду.

Айжамал ыйлаган бойдон үйүнө жөнөдү, келин болгонуна бир айдай эле болгон. Айжамал ыйлап киргенде Асылай менен Сейтаалы экөө чай ичип отурушкан.

- Сага эмне болду, кокуй? - деди адегенде Асылай тура калып.

- Эрте турбайсың деп кайненем урушса, Акылбек апасына болушуп бир чапты.

- Эрте турбайсыңбы анан, ошого эле баса бердиңби?

- Ооба, өзү кет дебедиби?

- Ал эмнеси экен, жаш деп көтөрмөлөп койбойбу, жүрү мен сени менен барып, ары же бери кылып келейин, - деген Асылайды күйөөсү токтотту.

- Отур!

- Эмнеге?

- Экөөң тең отургула, - дегенде күйөөсүнөн айбыгып отуруп калды. - Чай ичип ал дагы күйөөңө кайра баргын, экинчи жолу үйгө бырылдап келгениңди көрбөйүн. Күйөөгө тийген кыз барган жеринин ыгына көнөт, кайната-кайненесин сыйлайт, келин деген эрте турат, - деди Сейтаалы жай түшүндүрүп. - Сен менин төрүмдө тайтакта, эркелеп укта, азыр баргын да кайненеңден кечирим сура.

- Үйгө келген кызды сумсайтып өзүн кетиргенибиз кантип болсун, бүлө керек болсо келээр, - деди Асылай.

- Токтот, эбиреген сөздөрүңдү, кызың ызаат-сый менен келип кетсин мындан ары, үйгө осурган артым талаада да осурат деп, бир кыялын көрсөткөндүр да, андан көрө жөнөт кызыңды, - деп Сейтаалы чыгып кетти. Асылай күйөөсүнө эчтеке дей албады. Ыйлап-сыктаган Айжамал аргасыз кайра жөнөдү, кетип жатып: "Силерди шашпагыла", - деп кекенип да алды. Ал келсе кайненеси кир жууп жаткан экен, унчукпай барып колунан алды, Мырзайым дагы унчуккан жок. Ошол бойдон кайра жашап калган. Анан эле бир күнү дагы уруш чыкты, Мырзайым нан салып жаткан келининин кылган ишин жактыра бербей:

- Капырай үйүңдө иш кылып көргөн эмессиңби? - деди.

- Эми үйрөнөм да, апа.

- Сен үйрөнгөнчө канча ун ысырап болоор экен, азыр заман башка, кымбатчылык күчөгөн, илгери он эки сом болгон бир кап ун азыр төрт жүз, беш жүз сомдон болуп жатканда биз ысырап кылсак кудайга жагаар бекен, балам?

- Көп деле күйгөн жок го, апа?

- Ак нанды ар ким жасайт, каракаш нанды Айжамал жасайт деп жей беребизби анан? - деп какшык аралаш күлүп коюп ары басып кетти.

- Сизге менин жасаган ишим эч эле жакпады го?

- Ой келин, кайра мага кайыр сүйлөгөнүң эмнең? - деди Мырзайым бери бурула. Ошол убакта ары жактан келе жаткан Акылбек аялына ороңдоп бир тийди.

- Тилиңди кыскартпаса болбой калды сенин.

- Эмне кылып жатам?

- Атаңдын башы! - деп келип отурган жеринен бир тепти.

Мырзайым болсо ары басып кетип калды, кыязы тартипке чакырып койсун деген шекилдүү.

- Эмне тебесиң, мен эмне кылдым? - деп Айжамал тура калып бакырганда Акылбек уруп жиберди. - Өлүп ке-ет! Балакетимди алган акмак, эмнеге мени урасың, өлүп калган жинди.

- Эмне деп жатасың, тилиңди кесип таштайынбы? - деп Акылбек басып калганда Арзыкул кирип келип, Акылбекти желкесинен апчый тартып ыргытты.

- Ок ат-таңдын оозун урайын айбан десе, бирөөнүн баласын өлтүргөнү калдыңбы, эмне жин тийди?

- Өзү тилин тартпай жатпайбы.

- Чык эшикке! - дегенде Акылбек чыгып кетти.

Андан кийин дагы кайненесинин айынан Акылбектин колу аялына көп тийди, жашаганына жети-сегиз ай болсо да боюна болбой жүрдү. Бир күнү Айжамал аптекадан дары алып келди да, Акылбек ичкен чайга күндө кошуп бере берди. Денсоолугу чың, алибеттүү бала тез эле ашказаны ооруп жатып калды. Айжамал ошондо да токтотподу, ого бетер күчөтүп бере баштады, дарынын кагаздарын ажатканага алып барып, өрттөп салат. "Мен жөн кетем десем да атам ажыратпайт, өлтүрүп анан кутулам", - деп ойлоп, кылган ишине кубанып жүрдү. Доктурга көрүн десе Акылбек да болбой койду, кирип-чыгып чөп чай ичет, акыры агалары келип, шаарга алып кетебиз деп жатканда түндөсү жаткан бойдон турбай калды…

Ушуларды ойлонгон Айжамал Абсатарга байкабай айтып ийгенине жини келип: "Кайдан оозумдан чыгып кетти, билгизбей жасаганда болмок экен", - деп ойлоп жатып, уктап кетти. Эртеси Абсатар аны эрте тургузду.

- Айжамал, сен экөөбүз жашай албайт экенбиз, өз колум менен ата-энеңе тапшырайын, - деди үңкүйө.

- Аби, кечирип койчу мени, экинчи эч унчукпайм, үйүмө барбай эле койоюнчу, сен эмне десең ошого макулмун, атам мени өлтүрөт.

- Сенин ата-энең жакшы, а менин апам сага жаманбы ыя, эгерде апам же мен ооруп калсам сен соо калбайсың, айтып койоюн сенде бир сыр бар, ушундайда кеткениң оң.

- Эмне сыр болмок эле?

- Сен Акылбекке бирдеке бергенсиң, элден шыбыш уккамын, кантип эле ошентмек эле деп ишенген эмесмин. Анын ата-энесин какшатканың үчүн да өз күнөөңдү тартасың дечи, бирок мени жабыркатам деп ойлобо, такыр болбой баратса сени ала жатам!

- Жинди болбочу, мен эмне кылмак элем?

- Болду, үйүңө бар, жашай албайм, Абсатар апасы экөө тең жаман де.

- Эч жакка барбайм!

- Эмнеге?

- Сени менен жашайм.

- Жашасаң апамдын тилин ук, баарын көтөр.

- Болуптур.

- Айтканды жасайсыңбы?

- Ооба.

- Анда күнүгө эрте туруп, эшикти шыпыр!

- Макул, - деп кийинип сыртка чыкты.

Суусаркан бул кезде эшиктин алдында ийигин ийрип отурган. Айжамал туруп эле шыпыргыны алып, шыпырып киргенин көрүп: "Бечара оңолгон экен, кайран келиним, жакшы келиним кетип, неберелеримди сагындым. Бүгүн бир барып көрүп, мингини алып келсемби, жеткирип да беришпеди", - деп ойлоп дагы келинин карады, чаң бырыксыганда чыдабай кетти:

- Ой балам, суу сээп алсаң болбойбу, чаң жуткурдуң го? - деди эле Айжамал шыпылдай крандан чакага суу алып келип, сээп шыпыра баштады. Андан кийин чай алып келди. Суусаркан кийинип, неберелерине таттуу алганга акчасын белендей үйдөн чыкты. Кайда бараарын эч кимисине айткан да жок. Ортолору бир топ, эмне кылаарын билбей коңшусунун үйүнө кирди, алардын машинасы бар, ошого сүйлөшмөк болду. Ошентип Сагынбектин үйүнө жөнөдү. Алар келгенде Сагынбек мас болуп, үйүнүн эшигинде жаткан. Үйүнө киришсе эч ким жок, адам жашабагандай ачык-чачык, бөтөлкөнүн калдыктарынан башка эч нерсе жок, ичи көк жыттанып, адам чыдагыс болуп калыптыр. Кайра эшикке чыгышса, Сагынбек ойгонуп калган экен.

- Кандай, айланайын, жакшысыңбы? - деп Суусаркан учурашты эле Сагынбек дале масы таркабай:

- Эмне болду, өлө элекмин, - деп булдуруктады.

- Кокуй күн десе, сени ким жаман ойломок эле, кудагый кайда кеткен?

- Ал кеткен, алкашты таштап баары кетишкен.

- Каякка?

- Ким билет, кетти…

- Кой анда кетейин, неберелеримди сагынып келбедим беле, - деген Суусаркан шалдая түштү. "Коңшуларынан сурап көрөйүнчү, жакын эле жердедир, мындан качып кетишкендир", - деп коңшусуна кайрылды. Үйүнөн чыккан аялдан сурады эле:

- Ой алардын кеткени качан, шаарга кетип калышкан, төрт айдан ашты го? - деп койду.

- Күйөөсүн таштап кетишкенби, ботом?

- Таштабаганда кантет, пайдасы болбосо, ичкени арак, анан эмне кылат?

- Атаны кургур ай-аа, кыш келсе өлбөйбү.

- Өздөрү билет да, өзүнөн көрсүн, аракты атасындай көрөт, - деди коңшусу кайдыгер.

- Мейли, айланайын, - деген Суусаркан супсуну сууй машинага отурду. - Кеттик, балам, неберелеримди сагынып кеттим эле, дагы көрө албай калдым, шаарда эмне кылып жүрүшөт, ботом? - Эне шоопурду карады.

- Шаарга баргандар иштейт да, эне.

- Атаны кокуй ай, кыздарым эмне болду карангүн, а-алда карангүн ай, тырмактай кыздар менен кантип иштемек эле? - Суусаркан баласына ачууланып келе жатты. Үйүнө жетип, короодон кирип келе жатканда эле алдынан Абсатар чыкты.

- Жарыктык, кайда кетип калдың?

- Атаңдын башына!

- Эмне болду, апа?

- Кыздарымдын көргөн күнү кантти, кокуй? - деп Суусаркан эне ыйлап кирди. - Чырактай кыздарды чанып таштап, катыныңды карап отура бер, менин кичинекей чүрпөлөрүм кыйналып өгөйгө кор болсун. Умсунайга баары бир дечи, ал жапжаш, сулуу, жерде калбайт, бирөөнө тийип кетет, - деп жинденгенде Абсатар түшүнбөй калды.

- Эмне болуптур, айтпайсыңбы ачыгын, кыздарды таштап, Умсунай күйөөгө тийип кетиптирби?

- Жо-ок, шаарга кетип калыптыр.

- Кетсе келет да, алкаш атасынын үйүнө батмак беле, атты эмне кылыптыр?

- Ок, атың менен жерге кир, кыздарын ойлобой атты айтат, кыздарым азыр кандай күндө калды, уу-уй коку-уй! - деп кемпир үңүлдөп ыйлай баштады.

Ички үйдө отурган Айжамал жини келип: "Кыздарыңа кете берсең жакшы болмок, ушу сенин жоголуп кетээр күнүң кайда", - деп ойлонуп жатты.

- Эмне кыл дейсиң эми, кыздарды алып калганда болмок, - деп Абсатар нымтырады.

- Эртең мен шаарга барамын да, Умсунайды табам.

- Эмне кыласың аны?

- Үйгө алып келем.

- Эмне-е? - Абсатар апасына ишенип-ишенбей туруп калды. - Аны алып келип эмне кыласың?

- Мен Умсунай менен ушул үйгө жашайм, сен катының менен кайда кетсең кете бер!

- Жинди болдуңбу, апа?

- Кыйын болсоң жок деп көр, Айжамал сени жакшы көрсө баарына кайыл болот, сен эки аял менен жашайсың. Умсунай менин кебимди угат, а тигиниң ушуга чыдаса жашасын, болбосо бара берсин.

- Апа!

- Болду сүйлөбө, эркексиңби деги, мен айттым бүттү! - деди Суусаркан. - Чакыр катыныңды!

- Аны эмне кыласың?

- Ачык эле айтам, илгеркилер эки аял эмес үч аялды баш ийдирген, сен эки катынды баш ийдирбей эмне болупсуң, эгерде антпей турган болсоң Умсунай менен жашайсың. Мен неберелеримдин башканын колунда жүргөнүн каалабайм, уктуңбу?

- Апа, койсоңчу эми, чоңойгондо табат да акыры.

- Болду сүйлөбө, толгон балдарым жок, Айнур экөөңөрдү кудайдан тилеп алгамын, эми Алтынчачым менен Карачачым томсоруп жүргөнүн эстесем жаным жай албайт. Эртең менен эрте шаарга жөнөй турган машинага сүйлөшүп кел, Айнурага барып, кыздарым менен келинимди алып келем, - дегенде Абсатардын аргасы кетип, эч нерсе дей албады. Ал апасынын ал-абалын билет, кыялын дагы сопсонун билгендиктен унчуга албай калды. - Эми Айжамалды чакыр!

- Азыр, - деп Абсатар башын кашылай чыгып барып, Айжамалды бөлмөдөн таппай калды. Ал кайненесинин сөзүн угуп, ыйлап чыгып кетип, тамдын артында отурган. - Айжамал, Айжамал!

- Эмне? - деп чыга калды ал. - Эмне, апаңдын сөзүнө кубанып калдыңбы, эки аялдын ортосунда жыргап жашап калат экенмин деп? Бар, аялыңды алып келип ал, эми мен чындап кетемин, турбайм бул үйгө! - деп ыйлап отурду.

- Айжамал, ыйлабасаң эми, апамдын айтканы менен эле ошол келе койот дейсиңби, жүр, үйгө кир дагы чыдайм алып келе бериңиз де.

- Айтпайм!

- Бол эми, апамды тынчтандырып койолу, мен чыдайм, келе берсин, жашайм деп айт.

- Ошентип мени көндүргүң келип жатабы?

- Жок, апамды алдап туралы, - деп Абсатар Айжамалды көндүрүп, үйгө ээрчитип кирди. Үчөө чай ичип отурганда Суусаркан тамагын кыра сөз баштады:

- Айжамал, мен Умсунай келинимди алып келемин, эки кызды жетимсиретип койо албайм, сен Абсатарды жакшы көрсөң чогуу жашайсың, болбосо өзүң чеч.

- Апа, мен чыдайм, ал келиниңиз көнөөр бекен, алып келе бериңиз.

- Азамат, сенден мен мындайды күткөн жок элем, чын ниетиң менен айтып жатасыңбы, балам? - деп Суусаркан күлүп сурады.

- Чын айтам, апа, Аби үчүн баарына чыдайм, келиниңизди, неберелериңизди алып келе бериңиз, Абинин кыздары менин кыздарым, - деп Айжамал жаркылдап койо бергенде Суусаркан таңгала: "Ой түлкү-ү, бул эмне деп жатат ыя? Түлкүдөй ойт берип күлүп турганын кара. Мында бир кеп бар, ай ушунун ичин күйдүрүп, Умсунайды алып келсем го, аны таппай кыйналаар бекенмин, түлкүнү ийинине киргидей кылат элем", - деп ойлоп алып, унчукпай калды.

- Экөө ынтымакташса болду, апа, менин кандай кайраттуу апам бар, келиндерин өзүнөн-өзү чимирик кылып койот да, - деп Абсатар дагы апасын мактап бакылдап жатты. Суусаркан ошол бойдон унчукпады. Уул-келини өз бөлмөлөрүнө кеткенден кийин төшөгүнө жатып алып: "Бул түлкүдөй кууланып калды, Умсунай көнсө бу түлкүдөй мант берген немени экөөлөп кууп чыгат элек", - деп ойлонуп, уктап калды. Абсатар менен Айжамал өздөрүнчө күлүп жатышты.

- Аби, аялың чындап келип калса эмне кылабыз?

- Аны жакшы билем, апамды капа кылбайт, бирок мени менен жашаганга макул болбойт.

- Болсочу?

- Болбойт дедим го, апамды ыраазы кылып койдуң, молодец.

- Сен айтканды аткардым да.

- Иш экөөбүздүн тең пайдабызга чечилет, апам барат да, аны көндүрө албай кайра өзү келет, анан сага ыраазы болот.

- Ай ушу сенин апаңдын мага ыраазы болооруна көзүм жетпей да калды, мени көрсө бир жалаңкычын көргөндөй болуп турат, сага тийгениме өкүнүп да калдым.

- Өкүнбө, алтыным, баары жайында болот, акыры сен жеңесиң, андан көрө унчукпай жүрө бер, уктуңбу? Апам анан сени жакшы көрүп калат, Умсунай эч унчукчу эмес, ал апамды өзүнүн кызындай карачу.

- Кыйналып кеттим ай, апаңа жагам деп азапта калдым, деги эле кутулуу кыйын окшойт.

- Эмне дедиң, кутулмаксыңбы? - Абсатар дагы жини келип кетти.

- Ошонун эмнеси бар экен, кете албайт окшойм деп жатам, менин жашагым келбей калды.

- Айжамал, - деди Абсатар маанилүү сөз айтчудай.

- Эмне дегиң келип турат?

- Сен алдагынтип сүйлөгөндү токтот, апамды көп көрбөгүн, ансыз дагы картайып баратканы жүрөгүмдү оорутуп жүрөт. Атам менин жакшылыгымды көрбөй өткөн, апамды колуман келсе жүзгө чыгарып, төрүмө балпайтып отургузуп баксам деген оюм бар. Кыскасы, апам жөнүндө эч кандай сөз болууга тийиш эмес.

- Болуптур, апаңды көргөндө эртең менен, кечинде жүгүнүп, көзүн карап, бөпөлөп турушум керек экен да. Аның болсо азуусун кайраган карышкырдай эле мага асылып турсун, мен жөрмөлөп кечирим сурайын ээ? - деп Айжамал бөйрөгүн таяна Абсатарга караганда ал жаактан ары чаап-чаап жиберди.

- Сенин кулагыңа киреби деги, болбосо кете бер!

- Кетсе кете берем, - деп ары карап ыйлап жатып, уктап калды.

Эртеси эрте турган Суусаркан жолго камынгыча Абсатар шаарга кетчү таксини үйүнө айдатып келип, дайындап салып жиберди. Айжамал тургусу келбей жата берди, "Эмне кылсам, кетип эле калсамбы? Акчам болгондо үйгө барбай эле шаарга качып кетет элем. Жезкемпир энеси келинин таап келип калса кантем, эки аял бир эркек менен кантип жашамак эле, аялы келсе Абсатар дагы кыздарына карап, аялына көбүрөөк көңүл бөлсө, кантип чыдамак элем", - деп ойлонуп жатканда Абсатар кирди.

- Тур, Айжамал, чай ичели, кардым ачты.

- Апаң жокто бир аз уктап алайынчы. - Келин чүмкөнүп жатып алды.

- Апамды оозанба дебедим беле? - деп төшөктү сыйрып алып, Айжамалды колунан өйдө тартты. - Сенде өзү мээ барбы, сүйлөшүп үйүңө барып жүргөндө жибектей созулуп калчу элең го, көрсө аялдар бат өзгөрүлмө болот окшойт, же ал сенин амалың беле?

- Аби, эмне болду эми, уктап алайын деп эле койдум го?

- Тур, чай коюп, тамак жаса, кеткиң келсе ушундайда кете кал, болбосо кеч болуп калат, - деди жиндене.

- Эмне аялың келгенче кетирип отуруп калайын деп жатасыңбы, сен айбансың, апаңдын тилинен чыкпаган жетелемесиң. Өлтүрсөң азыр өлтүрүп сал, апаң экөөңөрдөн коркуп жүргүдөй алым жок, өлтүр, өлтүр деп жатам сени! - Айжамал долуланып сүзгүлөй баштады.

- Эсиңе кел, Айжамал, колум тийбесин, Айжамал дейм! - деп Абсатар кыйкырганда Асылай кирип келе жатып, токтой калды.

- Өлтүрбөйсүңбү мени, сени ээрчип келгемин бул үйгө, сен гана мени бар же жок кыла аласың, өлтүр, акмак, өлтүр деп жатам акма-ак! - деп жатканда Абсатар аны төшөгүнө түртүп ийди.

- Сага корогон кайран сөз, кайран колдун күчү, үнүңдү бас да, жуунуп кийин, сени ата-энеңе өзүм жеткирбесем болбойт экен, - деп Абсатар сыртка чыгып баратып, Асылайга урунуп алды.

- Аа-а, апа, кечиресиз…

- Айжамалга эмне болду, балам?

- Эч нерсе, кечке апаң-апаң деп эле апама асыла берет, сен эми апаңды ташта дейт, эмне кылышты билбей да калдым, - деп башын мыкчый кайненеси менен ичке ээрчише кирди.

- Апа-а! - Айжамал апасын кучактап калды. - Мени алып эле кетчи, апа, мен буларга бүлө боло албайм!

- Токто, кызым, сен мени уккун дагы тактап сүйлө, сен Абсатарга эмне дедиң, уруш эмнеден чыкты ыя?

- Өзү эле, мен эчтеке кылбайм деп койсом…

- Эмнени кылбайм дедиң эле?

- Чай бер дегенинен.

- Ошогобу, күйөө дегенге эрте туруп чай берет, мен ушул кезге чейин атаңа чай-тамагын берип келе жатам, өлгөн жокмун го, аял деген ошентет. Бас анда кеттик үйгө, уйкуң канбаса өмүр бою уктап үйдө жүрө бер, - деп Асылай жини келип урушту эле ал кайра уңулдап ыйлап кирди.

- Эмнеге эле мени уруша бересиңер, эмне кылышым керек эле, өмүр бою бүжүрөп өтүшүм керекпи?

- Болду, сенин акылың жок экен, кызым, өзүм алып кетейин сени, болбосо уят болобуз, - дегенде Айжамал:

- Эч жакка барбайм, апа, мага миң сом берчи андан көрө, - деди.

- Эмне кыласың?

- Бирөө сонун сөйкө сатат экен, ошону алам, - деп Айжамал калп айта салды, көзүнүн жашын аарчып, апасына кошоматтана жайдаңдап күлүп калды.

- Акча керек болсо жөн эле сурабайт белең, мен деле берет элем го? - деди Абсатар күңкүлдөй.

- Мейли, жаккан буюмуң болсо алып ал, - деп Асылай чөнтөгүнөн акча алып чыгып, миң сом бере салды.

- Апама чай бер эми.

- Азыр, - деп Айжамал өйдө туруп кийинди да, эшикке чыгып жуунуп келип, чай койду. Абсатар короодо жүргөн, Асылай кызына эңкейип шыбырады:

- Сен обу жоктонбой тынч жашай аласыңбы деги, баягынын кызы дедиртип бүт айылга шерменде кыласың го минтип жүрсөң, түш болгуча уктаганың эмнең ыя? Силер түшкө чейин эртең мененки чайыңарды иче элек болсоңор биз эки ичтик, уят болот мунуң. Кайненең кайда кеткен?

- Шаарга.

- Кызынабы?

- Ооба, - Айжамал сөздү көбөйтүп айткысы келбеди, "Эртең эрте шаарга кетип калам, эр болсо таап көрсүн", - деп ойлонуп, апасына чай куюп сунду.

- Абсатарды чакырбайсыңбы?

- Өзү келет да.

- Кудай урган кыз экенсиң го, акылың кем жаралып калганыңды карачы, бир үйдөн бир сасыткы чыгат экен да, - деп эне кейип отурганда Абсатар кирип отуруп калды. Үчөө тунжурап отуруп, чай ичишкен соң Асылай үндөбөй үйүнө кетти. Айжамал шыпылдап үй жумуштарын жасап жатканда Абсатар ички бөлмөгө кирип отуруп алды. "Демек, бул мага аял болуп бербейт экен, жаңылган экенмин. Апам ошол чоң шаардан Умсунайды кантип тапмак эле, айылдай көрүп кетти да. Тапкан күндө да баары бир ал келбейт, кыздарымды өзүм дагы сагынып калган экенмин, байкуштарым десе алар дагы аябай сагынды го, кантип аларды кайра алып келем?" - деп ойлонуп жатты. Күндүн кантип өткөнү сезилбей калды. Айжамал даамдуу кылып тамак жасаптыр, экөө отуруп тамактанды.

- Сөйкөңдү алып албайсыңбы эми, - деди Абсатар Айжамалга.

- Эртең алам.

- Өзүң бил.

- Миң сом жетпейт, бир жарым миң сом деп жаткан.

- Беш жүз сомду мен берем, эртең барасыңбы?

- Ооба, чын эле беш жүз сом бересиңби? - Айжамал кубанып кетти. - Анда азыр эле берчи алып келе калайын.

- Азыр, - деп ички бөлмөгө кирди Абсатар, шифонердеги сууртмадан капчыгын алып, андан беш жүз сом алып кайра келди. Айжамал күйөөсүнүн акча бекиткен жерин көрүп алып, билмексен болуп отуруп калган.

- Ме, барып алып ал.

- Эртең менен барайынчы, күүгүмдө барсам эмне дейт?

Айжамал идиш-аягын жууп-тазалап кирди. Ал эптеп түн киришин күттү, Абсатар уктаса эле акчасын уурдай качмак болду оюнда.

- Мейли, эртең менен ал, төшөк салып берчи, чарчадым.

- Макул, - деп шыпылдай ички бөлмөгө төшөк салып коюп, кайра ашканага кирип, ар кайсы ишти жасап жүрө берди. Кийимин даярдады, кийе турганын даяр койду, айтор уктап калбайын деп кыбырап жүрө берди. Таңга маал Абсатар козголуп, бери караганда Айжамал жанына жатып уктамыш болуп калды. Ошол бойдон катуу уктап калган экен, аны Абсатар ойготту.

- Айжамал, турбайсыңбы?

- Мм.. , уктай турайынчы… - деп керилип келе жатып ыргып турду. - Таң атып калдыбы?

- Атканы качан?

- Аа-а, - деп адатынча ыңгыранып туруп, жуунуп келди. Күйөөсү экөө чай ичкенден кийин идиш-аягын калдыратып, өзүнө-өзү жинденип жатты.

Абсатар бир досу келип, ошону менен алаксып калды.

- Абсатар, быйыл мектепти бүткөнүбүзгө он беш жыл болот экен. Биз классташтар чогулганы жатабыз, эгерде кошулсаң миң сомдон чогултуп, май майрамын чогуу тосолу.

- Макул, мен качмак белем?

- Анда сүйлөштүк, эмки жумада чогултабыз акчаны.

- Жарайт, - деп досун узатып келип, үйгө кирсе Айжамал жок. Аны сөйкөнү алганы кеткен экен деген ойдо жатып алды, түндө жакшы эле уктагандай болгон, бирок уйку менен күлкүдө ар жок дегендей көз жумулуп, уктап кетти. Айжамал күйөөсү огород жакта сүйлөшүп турганда баштыгын, Абсатардын бекиткенден калган эки миң сомун алып, короодон чыгып кеткен эле. Кечке чейин катуу уктаган Абсатар күүгүм кирип калганда туруп, эшикке чыгып, аялынын карааны көрүнбөгөнүнөн короонун оозуна келди. "Сөйкөнү кимден алат болду экен, эмдигиче келбей кайда жүрөт?" - деп кызганып да кетти. "Балким башка бирөө менен жүрүп алды бекен, болбосо кайда бармак эле?" - деп ойлоно кайра үйүнө кирди. Кулак-мурун кескендей баары жымжырт, карды ачканынан ашканага кирип, тамак ысытып кирди. Жалгыз отуруп кардын тойгузду да, кайра эшикке чыкты. Айжамалдан дагы эле дайын жок. "Жинди болгон го, же энеси экөө сүйлөшүп алып, үйүнө кетип калганбы, ачык эле кете бербейт беле, кармагым да келбей калган. Мындай аял менен жашоо накта тозок тура, кетсе кетсин деги, кыздарым үчүн ушундан көрө Умсунайга жалдыраганым жакшы эмеспи", - деп ойлонуп жатты. Кеч кирип сыртта коюу караңгылык каптап калганда Айжамалдан үмүтүн үздү. "Эми келсе үйгө киргизбейм", - деп да ойлоп ийди, бирок ал ойлогондой Айжамал кирип келген жок. Түнү бою ойлонуп чыкты, бир кезде анын: "Шаарга кеткенибиз жакшы го, байып особняк үйлүү болсоң туугандарың аябай суктанышаар эле", - деген сөзү эсине түшүп, ордунан тура калды. Төркү үйгө кирип, акчасын караса эч нерсе жок, болгону эки жарым миң сому бар болчу, без жүз сомун берип, эки миңи калган.

- Иттики, ал мени да, апасын дагы алдаган экен, - деп башын мыкчып отуруп калды. - Эмнеге ишендим экен, эрте барып, ата-энесине айтып коюшум керек, - деп таң атканча ары-бери басып жүрдү.

Суусаркан такси менен күйөө баласынын үйүнө түш оой жетип келди. Айнур апасынын келгенин көрүп, кубанып кетти.

- Апа, тынччылык элеби, эмнеге келдиң?

- Келдим да, кызым, баягы Умсунай кыздарымды алып, шаарга баса бериптир, сагындым эки неберемди, - деди отуруп жатып.

- Ой жарыктык десе, кантип тапмак элең аны, шаар чоң да, айыл эмес.

- Ошону үчүн сени издеп тапсын деп келбедимби, кызым.

- Кызыксың, апа, аны мен дареги болбосо кантип тапмак элем?

- Мен Абини эки аялы менен тең жашагын дедим, - деп эне жылмайып алды. - Айжамалдын макул болгонуна не бересиң? - деп эне бактылуу боло айтып берди.

- Койчу, апа, ошондой дагы болчу беле?

- Болот, Умсунай тилимди алып, мени менен барса эле Айжамал өзүнөн-өзү кетмек, кыздарым томсорбой өзүмдүн жанымда болот эле.

- Ошондо дагы түшкө кирбей турган нерсе, апа, кантип эки аял бир үйдө жашасын? Өзүң ойлочу, Айжамал макул болсо демек анын бир ою бар, ал оңой эле макул боло коймок эмес, - деп Айнур апасына күлүп, карылыкка моюн сунуп бараткан экен деп ойлоп койду.

Суусаркан эки-үч күн кызыныкында жүрүп калды. Айнур апасынын тилин алып, базарларды кыдырып, Умсунайды издеген болду, бирок көзүнө көрүнбөдү. Темирбек экөө дагы бир топ жерди кыдырып карап, такыр таппады. Акыры тажаган Айнур апасына ачык айталбай күңк-мыңк этти.

- Айнур, деги менин неберелеримди таба тургансыңбы? - деди чыдай албай Суусаркан.

- Апа-а, Бишкекте канча базар бар, кай жагында жүргөнүн билбегенден кийин табыш кыйын экен. Аман-эсен чоңойо берсе табат да өздөрү, - деди Айнур.

- Бири-бириңе кайдыгер болбогула дебедим беле, кызым, Аби экөөң бири-бириңди сыйлай албасаңар, силерди башкалар сыйлайбы?

- Сыйлап эле жатам го, андан көрө ошол аялы менен жашай берсин тим кой, - деп апасына нааразылана сүйлөдү. - Карыганга катаал кайнене болуп калсаң керек, апа.

- Силер мени түшүнбөйт экенсиңер, эртең үйгө кетем, уулум түшүмө кирип жатат, барбасам болбойт, - деди эне кабатырлана.

- Жүрүп кет эми, мынча келгенден кийин, ал келиниң сен жок ээн-эркин жашай берсин, - деп күлдү Айнур. - Же тарбиялап жаткан убакыттан кечигип каласыңбы? Чынында Умсунай жеңем жакшы келин эле, табалбай жатпайбызбы? - Айнур апасына жылмая карады. - Кайраттуу кемпирсиң ээ, апа?

- Эмне, ошо чычкак келинден коркуп, бүрүшүп калайынбы? - Эне кызын ормойо карады. - Оюна койсо мага чай кайнаттырып ичкидей түрү бар, кирин жуудуруп коюп, уктап кана жатчудай. Жөн койсоң тим эле каныша болгусу келет.

- Ошондой бекен?

- Анын баарын эсинен учурдум. - Эне шыбырай сүйлөдү. - Мени карылар үйүнө таштамак ою бар экен ал шуркуянын.

- Койчу, апа, кантип эле?

- Ой, Абиге айтып жатканын өз эле кулагым менен уктум.

- Ошого акем макул боло коймок беле?

- Аның болбурап, Айжамалдын сөзүн эки кылгысы келбей турган сыяктанат, анан кайран өзүм ордуна коюп койдум, - деди кудуңдай Суусаркан эне.

- Акем дагы кызык го, эмнеге жакшынакай аялы, кыздары турса башка аял ала койду? Умсунайдын жооштугу да, ажырашпай эле аял алганы үчүн соттотуп иймек башка болсо, - деп эне-бала сүйлөшүп отурганда Темирбек кирди. Ал бети-колун жууп, анан үстөлгө келгенде:

- Ээ апа, Айжамалды бүгүн шаардан көрдүм, - деди эле эне чочуп кетти.

- Эмне дейт кокуй, ал качан келиптир?

- Машина менен кетип бараткам, светофордон токтоп турсам эл менен кошо өтүп кетти, унчуккан жокмун, жолум келип калды да, баары бир табалмак эмесмин.

- Кой, мени эртең эрте салгыла, үйдө бирдеме болсо керек. Капырай, ал шаарга кайдан келмек эле?..

- Окшоштуруп алган жоксуңбу? - деди Айнур.

- Кантип эле Айжамал жеңени тааныбай калайын?

- Бир эле жолу көрбөдүң беле?

- Баары бир тааныйм да, көрөсүң го ал айылдан баса бериптир!

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, баламдын акчаларын алып кеткен жокпу ыя, андай немеден баарын күтүүгө болот.

- Кабатыр болбосоң, апа, Аби акем деле андай көк мээден эмес, ага алданып калгыдай, - деп Айнур кайра жумушуна алаксыды. Суусаркан ойлонуп калды. Эртеси эрте туруп, камынып алган апасын Айнур менен Темирбек автовокзалга алпарып, таксиге салып, үйүнө чейин төлөп коюшту. Үйүнө келип, таксиден түшүп жаткан апасын Абсатар утурлай басып, баштыктарын көтөрүп, ичкери кирди.

- Кандай, балам, тынч турасыңарбы?

- Жакшы, Умсунайды таптыңбы?

- Кайдан, кай базарда иштегенин билбесем табалбайт экенмин да, - деди эне кейий. - Карылыкты карабайсыңбы, жашыраак болгонумда таап алып келмекмин, Айнурга дайындап келдим, изилдей жүргүлө деп катуу айттым.

- Шаар чоң да, апа.

- Ийи, эми аялың экөөңөрдүн табаңар гана канат чыгаар?

- Каяктан, Айжамал сен кеткендин эртеси эле кетип калыптыр…

- Ийи кокуй, каякка кетти?

- Кайдан билем, апасынан акча алган, - деп Абсатар баарын айтып берди.

- Ай балам ай, кудай берген турбайбы, ошонун кеткени жакшы болуптур, сен эми Умсунайды эле таап кел, кыздарды томсортпой өз колуңа ал, айланайын.

- Апа, эми ал келе койобу? - Абсатар жактыра бербей үңүрөйдү.

- Келет эле, Умсунай андай телтеңдеген эси жок келиндерден эмес, эстүү, акылдуу келин, арты-алдын ойлойт, - деп эне өз билгенин бербей жатты.

- Адегенде атасына барып көрбөйүнбү?

- Ой, анын алар менен иши деле жок экен, анысы өлүп калбаса болду, таштап кетип калышыптыр, жадашса керек да. Адамча жашаганды билбесе, бала-чакасын ойлобосо, кетишти да бечералар.

- Анан кантип табабыз, апа?

- Сен шаарга бар дагы гезитке бер, балам, ошондо табасың, Умсунай гезит-китепке жакын эле, окуп калгысы бардыр, - деди эне үмүттүү карап.

Айнурдун салып бергендери менен эне-бала чай ичип, божурашып отурушту. Күндө дал ушул көрүнүш кайталанат. Айнурдан кабар күтүп жатып, билинбей эле эки жыл өтүп кетти. Умсунайдан таптакыр кабар ала алышпады, Сагынбекти болсо балдары алып кетип, дарылатып, адам катарына кошмок болушканын угушту. Айжамал сойку болуп кеткен имиш деп эл ушак кылып жатышты. Умсунайдын дайын-дарегин билишпей маң болушту. Үчүнчү жылга карап калганда айылынан таксист болуп, шаарга каттап жүргөн Абсатардын бир досу көргөнүн айтып келди. Андан тактап сураганда:

- Мен аны Дордойдон көрдүм, бирок жолуга албадым, - деди Токтобек.

- Соода кылат окшойт анда ыя?

- Ошону билбей калдым, көрүп эле артынан чуркап, кыжылдаган элдин арасынан таппай калбадымбы, эми барсам карай жүрөйүн ээ?

- Ошентчи же сени менен барып, өзүм издесемби?

- Сен аны эмнеге кетирип жүрөсүң?

- Шайтанга азгырылдым, дос, кайдан билдим мен, адам өзү жакшы адам жаныңда экенин сезбей, аны башка жактан издейт экенбиз да. Мен дагы жакшы аял жанымда жүргөнүн билбей, аны Айжамалдан издеп жаңылбадымбы?

- Ырас айтасың, андан көрө жаман аялдардан айтсын.

- Эптеп таап алсам, экинчи жаман айтпайт элем, - деп Абсатар көңүлү чөгө сүйлөдү.

- Болуптур, дос, эми Умсунайды мен издеп таап келем, тааныштардан дагы сурайм, макулбу ыя? Кам санаба, сага жардам бербегенде кимге жардам бермек элем? - деп Токтобек бапылдап жатты.

- Эмки келгениңде дагы жолугам, эгер апам макул десе сени менен барып калышым мүмкүн, - деп коштошту Абсатар.

Айжамалдан кийин Абсатар келин-кесектер менен жүрсө дагы баягыдай сүңгүп кеткенин койду. Алтынай деген жалгыз бой, жакшынакай жаш келин бар эле, бир күнү аны тузакка илип, экөө бири-биринен бөлүнгүстөй болуп калышты. Жалжылдаган кара көздүү Алтынай бир күнү ага маселени кабыргасынан койду.

- Абсатар, сен экөөбүздү көргөн-билгендер качан үйлөнөсүңөр деп сурашса, эмне дээримди билбей калам, сенин кандай оюң бар?

- Эмнеге? - Абсатар макоолоно калды.

- Эмнеге дегениң кандай, мени сен эрмектеп эле жүрөсүңбү?

- Алтынай, сен экөөбүз башында эле ал жөнүндө сөз кылган эмеспиз, туурабы? Анын үстүнө менин эки кызым бар, аялым келсе кантебиз?

- Аялыңдан кийин дагы бир аял алыпсың го, балким аның кайра келбес.

- Кыздарым бар, аларды аябай жакшы көрөм, Алтынай.

- Анда экинчи мага сүйлөбө, эми биз мамилелеш боло албайбыз, - деп таарынып басып кетмек болгондо Абсатар колунан кармай калды.

- Эмне, көңүл ачкың келбейби?

- Кереги жок.

- Балким башка ойнош тапкандырсың?

- Сен ушундай белең, мен сени киши экен десе, - деп Алтынай ызалана ыйлап ийди. - Мен сага ишенгемин.

- Үйлөнөт деппи?

- Ооба, мен ойнош болуп эмес, турмушка чыгам деп ойлогом.

- Кечир, Алтынай, мен деле эмне кылаарымды билбей жүрөм, бир аз чыдасаң, - деп амалдана кетти Абсатар.

- Дагы канча чыдашым керек? - Алтынай көздөрүн жалжылдата карады, капкара каректери Абсатардын жүрөгүн өрттөп жибергенсиди. "Мен дагы жаңылып калып, карыган апамды кыйнап албасам болду, сүйлөшүп жүргөндө баары эле бирдей, анан эле кыялдары, тили чыга баштайт", - деп ойлоду. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, көпкө дейре келиндин көздөрүнө тигилип туруп, анан бооруна кыса кучактап, өпкүлөп жатты.

- Кам санаба, жаным, көздөрүңдөн сенин, өрттөп ийдиң көөдөнүмдү куйкалап, сөзсүз бирге болобуз, жаным…

- Алдабайсыңбы?

- Жо-ок, сени алдаганым өзүмдү алдаганым.

- Ишенсем болобу, элге уят кылып, таштап кетпейсиңби?

- Эч качан, жаным, эч качан алдабайм, бир аз чыдачы. Кел эми, чеччи көйнөгүңдү, алтыным, жан биргем, сенсиз кантип жашоомду элестетем, айтчы? - деп кучактап басып жыгылды.

Экөө ээн талаада көк шибердин үстүндө далайга чейин жуурулушуп, биринен-бири рахат ала чабалактап, бирде асманда каалгыса, бирде булуттарды аралап жүргөндөй махабат рахатынын даамын татып, акыры асманды тиктеп жатып калышты.

- Абсатар.

- Ийи, эмне болду, жаным?

- Сен аялыңды сүйүп алдың беле?

- Жок.

- Анан эмнеге келет деп күтүп жатасың?

- Кыздарым бар да.

- Аларды алып калсаң болбойбу?

- Бербейт го.

- Анда ал кыздары менен сени кармагысы келет тура.

- Андай деле эмес.

- Анан кандай?

- Ал келинин апам жакшы көрөт, а мен апамды жакшы көрөм.

- Сенин бактылуу болушуңду каалабайбы апаң?

- Апам мен үчүн, мен апам үчүн жалгызбыз да.

- Ал эмне дегениң?

- Мен апамдын жападан жалгыз баласымын, а апам карып калды, апамды карыган кезде капа кылгым келбейт.

- Түшүндүм, демек апаңдын сөзүнөн чыга албайт турбайсыңбы.

- Мен үчүн апамдын сөзү закондон да күчтүү.

- Канча жашта апаң?

- Жетимиш төрттө.

- Ылжырап эле калган го?

- Жо-ок, тескерисинче апам күлүү-күчтүү, колумдан келсе апамды жүзгө чыгарып, ошондо дагы кырчындай кылып алып жүрсөм дейм, ал менин төрүмдүн куту, Алтынай.

- Ой-ууй, анда болбойт…

- Эмне болбойт?

- Мен кемпирлерден корком.

- Эмнеге?

- Менин тийген күйөөмдүн чоң апасы бар болчу, ал аябай каардуу эле, төшөктө жатса да тили сүйлөп турчу. Күйөөм экөөбүз аны тосуп, тамак ичирип, кийимин которсок дагы мени жаман көрө берчү. Бир жолу күйөөмө: "Сен кайдагы немени алып алгансың, каралдым, мына бул жүзү жылма неме үйгө жакшылык алып келбейт, сен сулуулугуна азгырылба, жылдызына кара, мунуңдун таптакыр жылдызы жок тура, ушундайда кетир", - дебедиби. Мен эшиктен кирип келе жаткам, ошондон кийин ошол кемпирди көргүм келбей, өзүм эле кетип калгам…

- Күйөөң келген жокпу?

- Жок, ал чоң апасынын сөзүнө кирди окшойт.

- Жаман болуптур, күйөөңдү сүйчү белең?

- Сүйлөшүп эле үйлөнгөнбүз.

- Сен аны оңой эле унута алдыңбы анан?

- Айла жок, ыйлап-сыктадым, анан атам окууга жөнөтүп жиберди. Абсатар, айтсаң, чын эле мен жылдыздуу эмесминби? - Келин Абсатардын көздөрүнө тигилди. - Сулуу болсо дагы жылдызы жок адамдар болобу?

- Билбейт экенмин, а чынында жылдыз деген эмне?

- Кээ бирөө сулуу болбосо дагы жылдыздуу болот имиш, ошолор аябай бактылуу болот дешет, менин жылдызым жок экен да…

- Капалана бербе, аны ар ким ар кандай түшүнүшөт, сени мен бактылуу кылам, көрөсүң го, бактылуу болобуз.

- Жо-ок, сенин апаң дагы мени жакшы көрбөйт, мен билип турам, ошондуктан мен кары кемпири жок жерге барам, болбосо томолой жетимге гана чыгышым керек, - деди Алтынай ойлуу.

- Аны кайдан издейсиң?

- Табам да.

- Өзүң бил.

- Сен апаңдан бөлүнүп жашагың келбейби? - деди капыстан Алтынай Абсатарга кайрыла.

- Алтынай, мен апамдан бөлүнүп жашаганча өлүп калганым жакшы, өлүп гана бөлүнөм, тирүүмдө эч качан бөлүнбөйм.

- Апаңдын денсоолугу да чың болсо керек?

- Алтынай, сен жинге тийип баратасың.

- Жөн эле сурадым.

- Кой кеттик, үйгө барышым керек, апам күтүп калды, - деп Абсатар кийимин кагына ордунан туруп, костюмун ийинине салды да, Алтынайга карабай жолго түштү.

Алтынай ойлуу чалкасынан түшүп көпкө жатты, асманда анда-санда жылдыздар жылт-жулт этип көрүнө баштаган. Айлана күңүрттөнүп, тээ төмөндөн айдын табактай болуп чыга баштаган кези. Ордунан козголду келин, өйдө болуп, кийимин оңдоно чачтарын салаалай тарап, илкий басып жөнөдү. "Мен бактысызмын, неге ушундай болушу мүмкүн, менден кумар алып гана басып кетишет, сүйүүсүн арнаган бирөө жок, неге?? Мен деле сүйүүнүн даамын таткым келет, сүйөм деген сөзүн уккум келет, эркелеп махабаттын кумарынан толкуп чыккым келет", - деп илкип кетип баратты.

Абсатар үйүнө келсе Суусаркан уктабай күтүп отуруптур. Кубанычында чек жок, бактылуу жылмайып, уулун үйгө кирээри менен колунан өөп отургузду да:

- Кулак сал, балам, жакшы жаңылык бар, - деди култуңдай.

- Кандай жаңылык, апа?

- Айнур Умсунайдын иштеген жерин тааптыр, ал турсун үч жашар эркек баланы жетелеп жүрөт дейт, курган келин айтпай кете берген тура.

- Койчу, апа? - Абсатар ишенбей кайра сурады. - Андай болушу мүмкүн эмес, кеткен күнүнөн эсептейм, анан көрөбүз.

- Ок, менин эле неберем, кеткенине үч жыл болду да, - деп эне-бала өздөрүнчө ойго түшүп, өз-өз оюнда эсептей баштады.

- Кеткенине үч жыл үч ай болуптур, ошондо эки жаш жети ай болот, апа, эгерде боюндагысы үч ай кеткен болсо.

- Ооба-ооба, үч жашардай бала дептир, эртең экөөбүз тең шаарга аттаналы, Умсунайга барабыз да, кечирим сурап, алып келебиз.

- Шаарга көнүп алган неме келмек беле, апа?

- Сенин өзүңдүн көңүлүң жок го дейм, ой бала.

- Бар эле дечи…

- Бай эле дебей чечкиндүү бол, балам, Умсунайым акыл-эстүү келин, менин кебимди угат, неберелерим менен бапырап эле калалы, кудай буйруса, - деп эне кубанычтуу кобурап жатты.

Ал эми Абсатар өзүнчө энесинин бактысына ыраазы болуп: "Мейли, апамдын көңүлү тынч болсо, аз калган өмүрүндө бактылуу жашаса болду, көңүлүнө жакканын иштесин. Уулум болсо жакшы болгон тура, төрөп турган аялды кетиргеним үчүн кечир, жараткан, аз жерден апамдын алдында күнөөлүү болуп кала жаздадым", - деп ойлоду. Эртеси эне-бала үй-жайын коңшусуна дайындап коюп, шаарга жөнөштү. Азырынча койо туралы деген Абсатардын сөзүнө көнбөй сандыгын ачып, Суусаркан кудагыйына бир сыйра көйнөк-көнчөк алды, балдарына бирден көйнөк, неберелерине бир сыйрадан, оголе көп буюм алып, көптөн бери семиртип аткан куйруктуу коюн кошо ала бармак болуп далбастап, үйүнөн чыгаарда Абсатарга кайрылды.

- Сен Умсунайды көргөндө кечирим сурагын, эгерде сурабай кылжың-мылжың этсең балалыктан кечип койом! - деди эле Абсатар чочуп кетти.

- Эмнеге, апа, ошол келиниң үчүнбү?

- Сенин келечек жашооң, неберелеримдин бактысы үчүн, балам, мен сенин очор-бачар үй-бүлөлүү болушуңду каалайм.

- Макул эми, кыздарым үчүн макул болом да, башкысы сенин көңүлүң, апа, сен эле ыраазы болсоң болду, - деди нымтыраган баласы.

Экөө таксиге отуруп жөнөп калышты. Ал күнү Айнурдун үйүнө жетип, оңураак жайланышпай жатып эле:

- Ээ айланайын, Умсунайды кайдан көрдүң, ыраспы деги тапканың? - деп сурады эне кызынан.

- Ооба, апа, адегенде отур, чарчап келдиңер го, эс алып, чай-пай ичкиле, анан сөздү баштайлы, - деп күлдү Айнур.

- Өңгөдөн да мага неберелерим жөнүндө айтчы, айланайын, баласы бар экени ыраспы?

- Ооба, апа, баласы үчкө чыгып-чыга электей, томпоюп тим эле Алтынчачтын өзү, апа, окшоштугун айтпа, аты Айдар экен.

- Каралдым десе, ошолорду аман-эсен көрсөм…

- Көрөсүң, апа, жашаган жерин дагы билем, өзүм алпарам силерди, - деп Айнур апасын жайгарып отурду. - Келиниң крутая.

- Курайың эмнең? - Эне кызын таңыркай карады.

- Бай дегеним, кийингени укмуш, сооданын көзүн таап алган экен, үй-жайлуу болуп калышыптыр.

- Ошентсин, эки секелегимди көргөн жоксуңбу?

- Алар жанында жок экен, баласын көтөрүп жүрүптүр, жолугуп калбадымбы, мени менен жакшынакай эле учурашты.

- Алтын келин да, айыбы жок анын, өзүбүздө турбайбы бир айып, - деп эне ойго чөмүлдү.

Абсатар эми гана өз күнөөсүн сезип, ал тургай келинчегине кызганычы күчөп: "Үч жылдан бери ал соо жүрдү дейсиңби, айла жок, кыздар үчүн кайрадан жарашуум керек", - деп ойлоп отурду...

Айжамал шаарга келип, кайда бараарын билбей автовокзалдан ар кимден мейманкана сурап жатты. Бир кезде таксисттердин жанына келип калган экен.

- Чоң кыз, кайда барат элең? - деди бир таксист ага карай.

- Эч жакка.

- Шаарда турасыңбы? - деп сурады жанына басып келип. - Же бирөөнү күтүп жатасыңбы?

- Жок. - Айжамал ал жигитти бир карап алды да: - Байке, шаарды жакшы билбейм, жатакананы кайдан тапсам болот? - деп сурады.

- Жаңы келдиң беле?

- Ооба, бараар жерим жок.

- Эмне жумуштап келдиң эле?

- Иштейин деп.

- Шаарда жумуш табуу оңой эмес, сен мына бул көчө менен барып, сураштырсаң менчик жатаканалар бар, балким жумушту да таап алышың мүмкүн, - деди таксист сырдуу жылмая.

- Рахмат сизге, - деп Айжамал жөнөй бергенде артынан кайра кыйкырды тиги:

- Ой, чоң кыз!

- Эмне болду, байке? - Бурулуп туруп калды Айжамал.

- Бери бассаң, - деп колун булгалай таксист өзү дагы бериледи.

- Эмнеге чакырдыңыз?

- Мен сиз менен сүйлөшсөм болобу?

- Эмнени?

- Жүрү мындай. - Бейтааныш таксист аны колтуктай кыжы-кыйма элдин арасынан суурула четке алып чыкты. - Мен сизди жактырып калдым, сулуу экенсиз, бүгүн сизди мен коноктосом болобу?

- Кантип?

- Бойсузбу?

- Ооба.

- Күйөөңүз барбы?

- Боймун дедим го, күйөөм өлүп калган.

- Баракелде, анда жүрүңүз, бүгүн менин да эч жакка баргым келбей жатты эле, сизге жолукканым жакшы болбодубу.

- Кайда барабыз?

- Сиз каалагандай болот.

- Мен эчтеке билбесем…

- Мени менен болсоңуз баарын үйрөнөсүз, - деди да, жаңы үлгүдөгү кара түстүү хондасынын эшигин ачты. - Отуруңуз, атыңыз ким?

- Айжамал.

- Жакшы-ы, менин атым Аслан, биз эми таанышпыз, адегенде ашканага кирип, чайлашып алалы, анан сизге мен жатаканаларды көрсөтөм, балким бирге болобуз.

- А сиздин үй-бүлөңүз барбы?

- Бар, бир уул, эки кызым бар.

- Жакшы экен.

- Сизде бала барбы?

- Жок…

- Эчтеке эмес, баарына жетишесиз, али мөлтүрөп жапжаш турбайсызбы? - деп күлүп койду Аслан.

- Эми турмушка чыкпайын дегем.

- Эмнеге?

- Күйөөм өлүп калгандан кийин тийгим келбей калды.

- Өлбөгөн адамга жашоо улана берет да, Айжамал.

- Туура дечи…

- Күйөөңдү сүйүп тийдиң беле?

- Ооба, сүйлөшүп үйлөнгөнбүз.

- Жаман болгон тура.

- Эч кимди жактырбай да калат экенсиң, - деп жылмая карап, күлгөн болду. - Сиз аялыңызды сүйүп алдыңыз беле?

- Жок, биз кыргызча үйлөнгөнбүз, апамдын сиңдисинин кызын алып беришкен, кудайга шүгүр, жакшы жашайбыз.

- Сүйүшпөй деле бактылуу болсо болот экен да.

- Ананчы, турмушта ар кандай болуп калат, мен чынында сүйүүгө ишенбейм.

- Эмнеге?

- Анткени мен өзүм сүйүп көргөн эмесмин..

- Аа-а, сүйүүнү баалабаганыңыз ошондон тура.

- Балким.

- Эми шаардан жумушту кантип табаар экенмин, байке?

- Оңой эле, эгерде өзүң шыктуу болсоң иш оңой табылат.

- Эмнеге шыктуу болуш керек?

- Эмнеге жөндөмдүү болсоң ошого.

- Түшүнбөдүм…

- Акырындап түшүнөсүң, жүр эми бул жерден тамактанып алалы, - деп машинасын токтотту да, ээрчише быт-чыты чыккан көчөдөгү бир кафеге киришти. Аслан тамак менен бир бөтөлкө арак алды. Көпкө чейин тамактанып, арактан аз-аздан алып отурушту. Айжамал бул күнү өзүнчө эле бактылуу болуп отурду, анын ойлогону көңүл ачып, жаштыгын каалагандай өткөрүү болгондуктан Аслан менен отурушу жакты.

- Айжамал, сен мурда башка бирөө менен болдуң беле?

- Күйөөм өлгөндөн бери эч ким менен боло элекмин.

- Абдан тартиптүү келин экенсиң да.

- Ата-энемдин колунда болсом кантмек элем?

- Туура, - деди Аслан, анан экөө ээрчише сыртка чыгышты, Аслан катар үйлөрдүн бирине кирип кетти. Бир топтон кийин кайра чыкты да:

- Айжамал, жүр, - деди.

- Кайда?

- Сага жатакана таптым.

- Жакшы болгон тура, канчадан экен?

- Бүгүнкүнү мен төлөйм, эртеңден ары өзүң сүйлөшүп төлөй бересиң.

- Рахмат сизге, - деп Айжамал наздуу жылмайып койду. Алар чоң үйдүн короосунан өтүп, бир бөлмөгө киришти, төшөнчү-оруну даяр экен. Экөө кирип керебетке отургандан кийин Аслан Айжамалды эки карыдан алды.

- Айжамал, ниетим сага бурулду негедир, тартынбай аппак денеңди көрсөтчү, махабаттын улуулугу дал ушунун өзүндө болсо мени ошол ыйык чокуну көздөй жетелечи. Сени менен ырахатка баткым келет, жүрөк толкуп махабаттын ыйык чокусуна сени менен кетким келет, - деди.

Көздөрүн бекем жумуп алган Айжамал:

- Мен дагы сизге дилимди бурдум, буулуккан демимди басыңызчы, көөдөндөгү көптөн берки буюккан черимди жазып, бүткөн бойду эритип, жан дүйнөмдү бактыга бөлөңүзчү! - деп шыбырады.

- Жазайын, жаным, сени менен жетелешип, махабат көлүнө чөмүлөйүн, - деп келинди чечинтип, экөө тең төшөккө жыгылышты.

Аслан чак түштө атайын жасалгаланган бөлмөдө Айжамал менен махабат көлүндө каалгып, бири-бирин жыргалга бөлөп жатышты. Аслан Айжамалдын оңой келин эмес экенин түшүндү. Ошентип алар бир сутка бою бөлмөдөн чыкпай ырахаттанып жата беришти. Эртеси кетип жатып, Аслан Айжамал менен дал ушул жерден жолугушуп туралы деп макулдашып, колуна миң сом карматты.

- Эгерде жумушума ылайыктуу болуп калса, башка жакка кетишим мүмкүн, андай болсо таарынбаңыз, - деди Айжамал жылмая.

- Ушул жерден эле иштесең жакшы болмок, сен иштей аласың.

- Кантип иштемек элем, байкап көрөм го?

- Байкап, ойлонуп көр.

- Макул, жакшы барыңыз.

- Көрүшөөрүбүзгө ишенем, - деп Аслан жөнөп кетти.

Айжамал үй ээси менен сүйлөшүп, өзүнчө бир бөлмө алды. Төшөнчүлөрдү алып келип, бир бөлмөнү жасап алып, эс алып, ал күнү кечке жатты. "Мен өмүрүмдү гүлдөтүп жашоо үчүн баарынан качтым, ошону үчүн каалаганымды жасашым керек", - деп ойлоп, эртеси көчөгө чыкты. Базарга барды, өзүнө көйнөк-шым алды, жасанып алып, анан жигит издеп жүрдү. Ал күнү жолу болбой батирине жалгыз келди. Эми батирине кирип келе жатканда аны бир киши токтотуп калды:

- Чоң кыз, мүмкүнбү?

- Эмне жумуш?

- Сиз менен сүйлөшсөм болобу?

- Эмнеге болбосун?

- Мен эс алганы келдим эле, көңүл аччу келин-кыздардан керек эле…

- Угуп жатам.

- Саатына канча аласыз?

- Суткага эки миң, алты саатка миң, бир саатка үч жүз сом.

- Азамат, мен сизди суткага алам.

- Жарайт, кириңиз.

- Рахмат.

- Суткалык ичкен-жегендин баарын көтөрүүңүзгө туура келет.

- Жарайт, мен анда дүкөнгө барып келейин, - деди да, тиги далдаңдай кайра чыгып кетти. "Демек эч жакка чыкпай эле акча тапсам болот тура, өлбөгөн жанга колумдан келишинче ойноп-күлүп жүрүп, анан көп акча топтоп, бай болуп кетсем болот да", - деп ойлоп отурганда кардары толтура тамак-аш көтөрүп кирип келди.

- Атыңыз ким? - деди Айжамал озуна.

- Чыңгыз, алыс сапарда жүрөм ар дайым, жүк ташыйм.

- Жакшы экен, менин атым Айжамал.

- Оо атыңызга затыңыз жарашыптыр, канчадан бери иштейсиз?

- Жаңы баштадым.

- Оо муну да кесип катары пайдаланса болот бекен?

- Жумуш таппагандар аргасыз кесип кылаары айдан ачык.

- Туура дечи…

- Келиңиз анда, дасторконго карайлы, - деди Айжамал. Чыңгыз алып келген колбаса менен грилди туурап, чай куюп, анан ичимдикти стакандарга куюштурду. - Тамактан алыңыз.

- Мындай эс алууну жакшы көрчү элем, өзүңүз дагы чырайлуу экенсиз, тим эле жутуп жиберчүдөй.

- Ыраспы? - Айжамал китеп-гезиттерден окуп жүргөндөй алды ачык халат кийип алган, аппак ичке сандарын ачып коюп, наздуу шыңкылдап күлүп отурду. - Өзүмдүн кандай экенимди билбесем керек…

- Башкалар дагы суктанышат чыгаар сизге, - деп Чыңгыз келиндин аппак тизесине колун узатты. - Денеңиздин актыгы жумурткадай, жумшактыгы кебездей, жүзүңдүн тунуктугу мөлтүр суудай, үнүңүз коңгуроодой таптаза экен, - деп жоон сандарына колун сойлотту.

- Мындан алыңыз, - деди Айжамал кылыктана кыт-кыт күлүп.

- Ооба, ушундан ичпесек болбойт, сүрдөп баратам.

- Мурда башкалар менен болдуңуз беле?

- Жок, аялымдан башкага барчу эмесмин.

- Так жүргөн жигит окшойсуз, анан кандайча эс алгыңыз келди?

- Бул жерге жүк алып келгемин, биринчи жолу келишим, аялым, балдарым бар, алардан чыгыш кыйын да.

- Ошондой деңиз, - Айжамал тизесин ары тартып койду эле, эки бутунун ортосу даана көрүнө түштү. - Эми таптазамын деп барасызбы?

- Анан кантем, бирок аялым жакшы, эч нерсе менен иши жок, көл аял да.

- Үйдүн аялдары ошондой болушат.

- Туура, силердин дүйнөңөр такыр башкача, эркектердин жан дүйнөсүн эс алдырып, бейишке чыгарып, кайра түшүрөсүңөр го, чиркин. Балким сулуу аялдар ошон үчүн жаралса керек, - деп Чыңгыз келинге жакындады. - Жыпар жытың тоонун гүлүндөй искеген адамды делөөрүтө өзүнө чөгөрүп алчудай болгон секет, келчи эмнени күтүп жатабыз, чыдамым кетип баратат, - деп басып жыгылды.

- Койо туруңуз эми, мен даяр эмесмин…

- Өзүм даярдайм, - деп Чыңгыз келинди дырдай жылаңачтап, бүткөн боюн сыйпалап, эмчектерин мыжыгып, тили менен кытыгылай соро баштады. Бир аздан кийин аялдын жалынычтуу үнү бөлмөнүн ичине толуп, күш-быш эткен дабыш биринен-бири өткөн кыңкыстоо үй ичинде жаңырык сымал угулуп турду.

- Керемет жан экенсиз…

- Сиз андан да укмуш…

- Жанымды сууруп ала жаздадыңыз, сулуу, мынчалык рахат алам деп ойлогон эмесмин.

- Сиз үчүн болгон дараметимди жумшадым.

- Жашыруун болбосо сиздин бул ишиңиз акча табуубу же рахат алып, жашоонун маңызын татуубу?

- Экөө тең.

- Сизди ушул бойдон сүрөткө тартмак болсо не дээр элеңиз?

- Макул болмокмун.

- Неге?

- Сулуу денемди төшөк ичинде гана башка-башка эркектер эрмекке пайдаланбастан көздөрү менен көрүп да суктанышса дейм.

- Азамат, - деп Чыңгыз келинди кучактап жатып алды, - дал ошол сулуу дене азыр менин кучагымда жатканына ишенбей турам, - деп аймалап өпкүлөп алды да, жылаңач бойдон туруп барып, шараптан эки стаканга куюп келди. - Келчи, жаным, мындан ичип алып, кайра ойнойлу.

- Давай!

- Денсоолук үчүн! - Экөө колдорун кайчылаштыра ичип ийишти.

- Ооу, ачуу го? - Айжамал ачууркана көзүн жумуп, ичиркенип алды. - Закуска бербейсизби?

- Кечир, унутуп калыпмын. - Чыңгыз дагы тигинисин салаңдата туруп барып, колбаса алып келип, өзү тиштеп алды да, Айжамалдын оозуна жакындады.

- Бери, жакындаңыз, - деди Айжамал анын оозундагысын алып жей албай. Бир кезде тиштеп жулуп алып, каткырып калды.

- Укмуш экенсиң, Айжамал.

- Сиз менден дагы кыйын экенсиз.

- Кел эми, закуска менен дагы бирден алалы, - деп Чыңгыз дагы арактан куюп келди, ошентип экөө кайра-кайра ичип жатып, ылжып мас болуп калышты.

Чыңгыз Айжамалдын эчтеке билбей калганынан улам жылаңач жаткан жеринен чөнтөк телефонуна кайра-кайра сүрөткө тартып алды. Төшөктү ачып туруп, буттарын эки жакка керип талтайтып, эки колун төбөсүнө коюп, атайын туруп бергендей кылып, тартып жатты. Анан эки миң сомду баш жагына коюп, түн жамынып кетип калды. Чыңгыз айдоочу эмес, тек бир гезитте кабарчы болуп иштечү, аны Аслан атайын жиберген эле. Айжамалдын сүрөтүн тартып алып, эки күндөн кийин бир журналга компьютер аркылуу жөнөтүп, тиешелүү агенттиктерден киреше алып жатты.

Айжамал ашынган сойку болуп чыга келди, өзүнө шакирт издеп, бат эле төрт кыз тапты. Күндөн-күнгө кирешеси көбөйүп, кардарлары да жалаң чөнтөгү калыңдар болуп баратты. Эки жыл бою ал ушул өнөр менен алектенип жүрүп, чет жактан бир кең короолуу үй сатып алды. Кардарларынын ар бирине ошол даректи берип, иши катуу жүрдү. Ата-энесин ойлоп да койбоду, кийген кийими менменсиген байлардын аялдарындай, жегени чучук, казы-карта болуп калды. Беш бөлмө үйдүн ар бирин ыңгайлуу кылып жасалгалап, беш бөлмөгө бирден кызды кардарларды кабыл ала турган кылып дайындады. Короонун ичиндеги эки бөлмө времянканы ашканага ылайыктап, дүкөндөрдөн издегендердин баарын алып келип, ага сатуучу кылып бир кызды иштетип койду. Бир жак бурчуна сауна иштетип, ага да атайын киши жалдады. Ошентип бул короонун ичинде ким эмне кылып жатканы эч кимге белгисиз эле… Бул үйгө жөн адамдар келишпейт, андыктан ар жак-бер жагында жашагандарда ал дарбазасы бийик заңкайган үйдө бир чоң жашайт деген түшүнүк болуп жатты. Аз убакыттын ичинде Айжамал машинанын акыркы үлгүдөгүсүн да минди, дал ошол кезде гана ал бакыт деген байлыкта эмес, карапайым жашоонун өзүндө экенин түшүндү. Кээде адамдын ички туюму өзүнө баш ийбеген сымал, Айжамалдын да жан дүйнөсү өзүнө ээ-жаа бербей, ойлору чачкындап, бир нерсени эңсегени өзүнө эми гана маалым болду. Көрсө, адам көксөгөн көңүлдөгү бийик же бир жөнөкөй эле эңсөөсүнө жетмейин жаны тынч ала албайт турбайбы, анын сыңары Айжамал дагы көкүрөгүндөгү эңсөөсүн баскандай болду. "Адам тирүүлүктө кандай жол менен болсо да максатына жетсе болот экен, бирок байлык адамды ого бетер ачкөздүккө, мерездикке алып бараарына көзүм жетти. Андан көрө жай адамдын бири болуп, бала төрөп өстүрүп, ыймандуу кылып тарбиялап, бир эркектин гана аялы болсом эмине, ошондон өткөн бакыт жок тура", - деп оор улутуна ата-энесине барып келмек болду. Бирок ал ошол тушта анын оюна бир нерсе келди, ал бул үйдөгү кыздарды таратууну ойлоп, бирок кайра тим койду. "Киреше кирип турган булакты соолтууга болобу", - деген ойдо шаарга жакын айылдардын биринен эки бөлмө бардык шарты бар үй сатып алды. Ичин толтуруп коюп, ата-энесине белек-бечкек алып, айылга жөнөдү. Ошол келе жаткан жолунда бир караан анын көзүнө көрүнүп, жүрөгү болк этип кетти. Ал жол тосуп турган баягы кыз алган күйөөсү Акылбектин өзү болчу. Тормозду катуу басып, "чы-ыйк" эттире дөңгөлөктөрү сүрүлүп барып токтоп, машинадан түшө калса эч ким жок. Айылына жетип калган, "Оо кудай, бул эмне деген сырың, кечире гөр, жараткан", - деп кайра жолуна түштү. Ал үйүнө келгенде ата-энеси бир башкача кубанды дейсиң. Кээде абышка-кемпир ушул Айжамал үчүн канча ирет кер-мур айтышып да калчу.

- Садагаң кетейин, кызым, кабарыңды билгизбей кайда жүрдүң? - деп Асылай ыйлап-сыктап тосуп алып, башынан суу айлантып, күйпөлөктөп жүрдү.

- Өзүңөр кандай, апа, атамдын денсоолугу жакшыбы?

- Жакшы, өзүң тарбиялагансың, сени тарткан деп мени кандай гана урушпады, көрөм эми сенин алып келгендериңди албаганын, - деп эбелектеп, анда-мында жалынып-жалбарып койот байкуш эне. - Эже-агаларыңа да каттабапсың, сурасак көргөн жокпуз дешет.

- Барганга убакыт болбоду, апа, мен Казакстанда иштеп жүрдүм, Бишкектен эки бөлмө үй алдым.

- Оо садагаң кетейин десе, кудай ишиңди оңдосун, - деп чай коюп, Айжамалдын алып келгендерин дасторконго коюп жатканда Сейтаалы короого кирди.

- Ой бу эшиктеги кайдагы машина? - деди сөрүдө отурган кызын тааныбай эле кемпирине карап.

- Ким болмок эле, ал өзүңдүн кызың Айжамалдыкы.

- Эмне дейт? - деп сакалын сыйпалай туруп калганда Айжамал келип атасын кучактады.

- Ата, кандай денсоолуктарың жакшыбы?

- Оо, алтын кызым, өзүң барсыңбы деги?

- Бармын, ата, келдим эми.

- Кызым, эркектаналардан да өткөн го, тиги агаларыңдын бири деле шаарда жүрүп, машина минген жок эле, ким айдап келди?

- Өзүм эле.

- Оо кызым, кана мени салып айдап көрчү, - деп Сейтаалы кайра сыртка жөнөдү. Айжамал күлүп, атасын жанына отургузуп айдап, жол менен бир топ жерге барып кайра келди. - Азамат, кызым, ишиңди илгерилете бер, көп жаша, кызым.

- Рахмат, ата, - деген Айжамал: "Кызык, эгерде ушул акчаны таза эмгек менен тапсам кандай болот эле, көрсө байлыктын ак же кара жолдон табылганы билинбейт тура. Ак ниет, таза жүрөк болсоң мынча көп акча азап менен табылмак, бирок көңүл ирээнжиткен көп санаа жок бейкапар жашаса болот. Ал эми арамдыктан табылган акчадан адам өзү да ирээнжип турат экен", - деп ойлоп атасын карады. - Жактыбы, ата?

- Жакпай анан, айдаганды да үйрөнүп алыпсың, илгери шаарга барып, троллейбус айдаган аялды көргөм, анан колхоз жаңы уюшканда трактор айдаган аялдарды көрдүм эле…

- Азыр шаарда отуз пайыз аялдар машина айдашат, ата.

- Заманың түлкү болсо түлкү бол деген ушу да-а, кызым, - деп машинадан түшүп үйүнө кирди. - Оой, кемпир, козу алдыралы жайлоодон, жаман кызыңдын машинасын жууп берели, бу биздин эшигибизге биринчи келген унаа болуп жатпайбы. Мурдун араң тарткан балдарың машина эмес арабага жетпей жүрөт, менин кызым жакшы машина алып келиптир, - деп кубанычтуу барбалаңдап жатканда Асылай:

- Ийи, дайынсыз кеткенде жаман менин кызым, машина минип келсе сенин кызың болуп калат да ээ? - деди күлө карап.

- Ой, кемпир, экөөбүздүн кызыбыз да.

- Кызыңдын сага дагы берээри бар экен.

- Кана, көрөлүчү, - деп малдаш токуна сөрүгө отуруп калды. Асылай чаар сумкадагы кийим-кечелерди алып чыкты, Сейтаалы алып көрүп, ич кийимден баштап чапан, костюм-шымды улам бирин кармалап, - Ой, ата-аңдын көрүү, кызым кымбатынан алып келген го? - деди таңдана. - Булар үчүн абдан иштеген го?

- Иштебей анан, үч жыл болбодубу, Абсатар менен жүрө берсе эмне тапмак эле, - деди Асылай, көр дүйнөнүн азгырыгы көзүн тумандата. - Миң долларды чай-пай ичкиле деп сага берем деп жатат, кызың.

- Дагыбы?

- Ооба, ата, силерди кубантайын деп иштедим, - деп Айжамал короонун оозунан кирди.

- Айланайын кызым, тиги Абсатардын үйүнүн жанынан ары-бери өтүп койсоң боло? - деп күлгөн болду.

- Койсоңчу, карыганыңа карабай бала кыялың калбайт да, - деп Асылай жактыра бербей күңкүлдөдү.

Ошентип Сейтаалы эртеси бир кой союп, айыл-коңшусун чакырып, кызынын машинасын жууп жатты. Келгендер, туугандары колунан келгендерин алып келип жаап, ырым-жырымын кылып бака-шака.

- Айжамал өжөр кыз, кичинесинен эле беттегенин койо бербеген мүнөзү бар болчу, - деди Асылай жетине албай. - Өз билгенин жасагандан кайра тартчу эмес.

- Ооба, Айжамал өзү да эркек мүнөз эмеспи.

- Деги өжөр баладан бирдеме чыгат.

- Айжамал азамат, атасынын эшигине келишкен машинаны тургузуп коюптур, ушунун үзүрүн көр, айланайын, - деп ар кимиси көтөрө чаап мактап жатып, эт-аш жеп, ичкендер ичкилигин кошо ичип, бата берип кайтышты. Сейтаалы кычыраган машинени кызына айдатып алып, шаардагы балдарына бармак болуп камынып жатты, Айжамал апасын да кошуп алды. Экөөнү жасанта кийинтип, Сейтаалыны алдыга, апасын артка отургузду да, жөнөп кетти. Келе жатканда жолуккан жерден дагы Акылбек көрүндү анын көзүнө. Зымырап кетип жатып эле тормозду катуу басканда атасы да, апасы да алдыга жүткүнүп барып, зорго оңолду.

- Эмне болду, кызым? - Сейтаалы кызын суроолуу карады.

- Эчтеке, машинанын алдынан бирдеке өтүп кеткендей болду, - дегени менен лакылдап, кабынан чыга жаздаган жүрөгүн басыш үчүн Айжамал бардачоктон суу алып ичти.

- Этияттап айдап жүр, балам, дөөтү ата колдосун, дөөтү атанын атына куран окуп койсоңчу, атасы, - деди Асылай.

- Окуса окуп койойун, - деп Сейтаалы бир топко оозун күбүрөтүп окуду да, алакан жая бата кылганда Асылай менен Айжамал да бата кылышты. - Айдай бер, кызым, дөөтү колдосун.

- Кеттик, - деп унаасын ордунан жылдырганы менен Айжамал: "Бул эмне деген сырың, жараткан, кетирген күнөөмдү кече көр. Күчтүү, уулуу дарыларды берип жатып, мен күнөөгө баттым, балким андан деле болмок эместир, себеп кана", - деп ойлонуп кетип жатты. Алар келгенде үч баласы менен улуу баласы бир батирде жашашат экен. Айжамалдын машинесин көрүп:

- Оой, карындашым даңгел го? - деди Турусбек. - Атам катканын бизге бергиси келбей эле кызына машина алып бергенби дейм?

- Кайдагы, балам, мен болгон малды сатсам да алып бере алмак эмесмин, өзү иштеп келбедиби, апаң экөөбүз дагы таңгалып калдык.

- Биз болсо минтип батирлеп жүрөбүз, балдар эптеп окуп жатат.

- Мен үйүмө киргизип койойун анда.

- Анда эле жыргатат элең.

- Жүргүлө, - деп агасынын биртике буюмдарын жүктөп алып, шаардын ортосундагы кабат үйлөрдүн алдына келип токтоду. Адегенде ата-энесин алып кирип көрсөттү. - Кандай, ата, жактыбы үй?

- Буйрусун, кызым, көп жаша, тапканың өзүңө буйруп, жугумдуу болсун, - деп экөө тең баталарын берди, үй ичиндегилерин кыдырата көрүп, ыраазы болушту. Турусбек менен аялынын кубанычында чек жок, балдары андан бетер, дивандарга отуруп, секирип жатышты. Ал күнү ошол жерге тамак-аш алып келип, ата-энесин менен ага-жеңесин коноктоп, анан Турдубегине барышты. Алар эптеп шаарга жакын айылдардын биринен чала бүткөн үй алышып, ачылып-чачылып ремонттоп жатышкан эле.

- Келгиле-келгиле, кайдан чогулуп?

- Келип калдык, жардам керекпи деп.

- Айтпа, жардам аябай керек, бирок кемпир-чалдын кайдан жардамы тиймек эле, башкалар балдарына үй алып берип орду-ордуна койот экен, - деп каржалып кеткенине өпкөлөй таарыныч кыла сүйлөдү Турдубек.

- Мен кимиңерге жардам берем, энең экөөбүздүн өлүмтүккө сойо турган эле мал бар, болсо силерден аямак белем? - Сейтаалы күпүлдөй карады. - Мына, Айжамал үч жылда бутуна туруп, үй да, машина да алыптыр. Силер да иштегиле, жашсыңар эмне…

- Айжамалдын машинасы бекен?

- Ооба, аке, мен машина алгам.

- Азама-ат, сен кандай жумушта иштедиң, же бир байды карактагансың го дейм? - деп күлдү Турдубек.

- Үйгө киргиле, ата, апа, кириңиздер, - деп Турдубектин аялы чыга калып, алар менен учурашып, ичкери киргизди.

- Кандай, айланайындар, үй-жай кут болсун.

- Айтканыңар келсин, ата.

- Жамандар кайда кеткен, көрүнбөйт го?

- Экөө тең окуйт, түштө келишет.

- Аа-а арамдар десе, окуп калышкан де, бу Айжамал кайда кетти, үйгө кирбептир да?

- Азыр, мен карап келейин, - деп Турдубек чыкты эшикке. Бир аздан кийин Айжамал эки чоң пакетке майда-барат көтөрүп келип калды, ага Турдубек жардамдашып үйгө киришти. Артынан тачке сүйрөгөн бала бир килем алып келди.

- Агамдын үйүн ырымдап койбосок болбойт го, - деди Айжамал төргө чоң килемди өзү салып. - Үйүңөр куттуу болсун!

- Рахмат, айтканыңар келсин, - деп Сурма менен Турдубек кубанып турушту, тамак-ашты дасторконго жайып, этти казанга салышты. - Гүлжамал эле жок экен арабызда, ал эми шаарда эмес да? - деди Турдубек.

- Анын турмушу ойдогудай, үч баласын чоңойтуп жатат, күйөөсү табышкер, - деди Сейтаалы көңүлү ток.

- Ооба, айланайындар, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор биздин да көңүлүбүз тынып калаар эле, - деди Асылай шыпшына. Бака-шака түшүп, көпкө тамактанып отурушту. Ошол кезде Айжамал:

- Үй алганыңарды билген жокмун, аке, эртең буйруса миң доллар алып келип берем, ал менин жөн гана кошумчам, - деди күлүп.

- Оой, анда жыргатат элең, ансыз да акчадан кыйналып, бир жактан иштеп, кайра келип, үйдөн иштеп жатам, - деп Турдубек карындашына карады. - Сенин ишиң жакшы жүрүп жаткан экен да, карындашым, ошентип бири-бирибизди колдобосок болбойт го, бир баштан көтөрүлүп алат элек.

- Айжамал бизге эки бөлмө үйүн берди, - деди Турусбек кудуңдай.

- Чын элеби?

- Ооба, үч баласы менен батирде жашаган кыйын да.

- Азамат, Айжамал, сен тың болупсуң анда, эки агаң мине элек унааны минипсиң, - дешип дагы көтөрө чаап мактап жатышты.

Ошентип эки-үч күн Сейтаалы менен Асылай ал жерде болду, Турусбек кол кабыш кылып, аялы Гүлсара Сурмага жардам берип жүрдү. Айжамал барып айткан миң долларды алып келип берди эле Турдубек аябай кубанды. Боорлошуп бир туугандар ата-энеси менен бир жумадай чогуу болушту. Айжамал ата-энесин толгон белек-бечкек менен үйүнө жеткирип, ошол эле күнү кайра тартты. Келе жатып, баягы айылдын четине келгенде дагы баягы элести көрдү, бул жолу ал колун көтөрүп, жүзүн көрсөтпөй так жолдун жээгине чыга калды. Коркуп кеткен Айжамал токтогондун ордуна катуу айдап жөнөдү, ошол бойдон чоң жолго жеткенде гана жүрүшүн жайлатып, артын карады. Жээкке токтотуп эс алып, эки жакты элеңдеп карай: "Бул айылга келгенимди жактырбай жаткан экен, же кылган ишим жакпайт. Өлгөн киши түшкө кирсе жаман болот дечү эле, бул менин нак эле көзүмө көрүнүп жатканы кандай?" - деп ойго бата шаарга келди. Ал келсе кыздарга карларлар келип калган экен, бир сыйра баарын көзөмөлдөп коюп, өз бөлмөсүнө өттү. Эс алмак болуп кыйшайып жата калган, көзү илинип кетиптир. Түшүнө Акылбек кирди. "Айжамал, мен сени сүйгөмүн, дагы да сүйөм, сенден ажырагым келбейт, сенсиз жалгызсырап калдым", - деп колун сунганда Айжамал да колун сунуп, экөөнүн колдору эми жетээрде Акылбек кайдадыр жок болуп кетти. "Акылбе-ек!", - деп кыйкырып ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап, оозу кургап калыптыр, туруп барып суу ичип, эшикке таза абага чыкты. "Кан куткарбайт дечү беле, эмнеге дагы да сүйөм деди, кандай болот деги? Өлгөн адам нааразы болсо түшкө кирет деген чын го, ушунча жылдан бери тынч жатып, эми менин тынчымды алганы эмнеси?" - деп басып жүрдү. Күүгүм чен болчу, кардарлар келип-кетип жатты. "Бул ишти ташташым керек окшойт, эмне соода кыламбы, эгерде агаларым менин бул ишимди укса эмне дешет, ата-энемчи? Кой, баары ачыкка чыгып, шерменде болгуча башка ишке өтөйүн", - деген чечимге келип, эртеси кардарларды кабыл албай, кыздарын бүт таратты. Коңшу-колоңун чакырып, бир кой союп, өзүн бул үйдү жаңы сатып алган ээси катары тааныштырды да, бир туугандарын, ата-энесин чакырды. Эшикке атайын өзү менен жашаган бир кызды коюп койду да: "Бул үй сатылып кеткен", - дедиртип келгендерди кайтартып жатты. Агалары андан бетер кубанып, ыраазы болуп жатышты. Гүлжамал эжеси да күйөөсү менен келди, кызыктын баары ошондо болду, анткени жездеси Тейитбек бул үйгө шаарга келгенде көңүл ачканы келип кеткен эле. Бирок Айжамалга ачык айталбай аялына айткан экен, ал:

- Айжамал, сен үй сатып алаарда байкасаң болмок, - деди.

- Эмнеге, эже?

- Бул үй мурун сойкулар үйү экен.

- Ким айтты? - Айжамал чочулай карады.

- Тейитбек билет экен.

- Эми кандай үй деп сураганым жок эле…

- Анда үй басырыктуу болуп калат да, жакшылап тазалат анда, - деди Гүлжамал.

- Макул, тазалатам же кайра сатып ийип, башка үй алсам бекен? - деп ойлорун айтып, эжеси менен сырдашып жатып: "Жездем менен жолугушпай калганыма шүгүр, кокус көргөндө жаман болмок экен", - деп оюнда кубанып кетти.

Ошентип бир туугандары, туугандары менен чогуу үйүнө бата алып, жыргап-куунап жатып калды. Асылай калып, бир жумадай жүрүп, анан кетти. Бул арада Айжамал тынч, беймарал уктап, көңүлдүү жүрдү. Качан жалгыз калганда баары кайра башталды. Жанында Анипа деген келин бар, ал өзүндө иштечү, ошол бойдон Айжамал алып калып, ага чай-тамагын даярдап берип жүргөн. Ошол күнү негедир бүткөн бою талыкшып, абдан уйкусу келип туруп алгандан эрте жаткан. Тез эле уктап кетти, түшүнө Акылбек кирип жатыптыр. Ал эшиктен кирип келип: "Айжамал, сени издеп аябай кыйналбадымбы, сени сагындым, сен берген дарыларды чогултуп жүрөм, сен келсең ошолорду берем ээ? Менин оорум жогунан ал дарынын баары кереги жок турат, сени кандай сүйөөрүмдү билесиң го, Айжамал", - деп босогого жөлөнүп көпкө турду. Анан өзүн көздөй эки колун суна: "Келчи мага, сени сагынып кеттим", - деп келе жатканда ортолорунда боз туман пайда болуп, Акылбекти көргөзбөй калды. Чочуп ойгонгон Айжамал жаткан жеринен ыргып тура калды, "Ай кудай ай, бул эмнеси, эмнеге эле ал түшүмө кирип калды?" - деп аркы бөлмөгө чыгайын деди. Бирок Акылбек бөлмөлөрдө жүргөнсүп өзүнөн-өзү корко берди. Эртең менен эрте туруп, жыт чыгарып, жети токоч жасап, Акылбектин арбагына багыштады. Куран окуганды билбегендиктен атап гана койду, анан үйүн аластап ысырыктады. Анипа:

- Эже, эмнеге антесиз? - деди таңгала.

- Жөн эле, бул үй бир топ убакытка басырыктуу болду, ошол үчүн тазалап койойун.

- Аа-а ошондой болобу?

- Ооба, силер андайды билбейсиңерби?

- Жок, эже, мени орус кемпир баккан, апам мени төрөп таштап качып кетиптир. Нина апа көп айтчу, ал тургай өлөрүндө сүрөтүн да берген.

- А сен издеген жоксуңбу?

- Кереги не, мен орусча өстүм, Нина апам мени аябай жакшы көрчү эле, беш жыл болду өлгөнүнө, - деди Анипа муңая.

- Жаман болуптур.

- Мени таштап кеткен аялды көрүп калсам эмне кылаарымды билбейм, балким ал мени оюнан таптакыр чыгарып койгондур.

- Эне эч качан унутпайт, Анипа, бирок бир нерсе сурасам болобу?

- Сурай бериңиз.

- Азыр кайда жашайсың?

- Ошол орус кемпирдин үйү мага калган, аны батирге берип коюп, сиз менен жүрбөйүнбү, - деп Анипа күлүп койду.

- Канчадасың?

- Он сегизге чыктым.

- Ой кокуй гүн десе, сен минтип жүрбө, өзүң жаш болсоң анан турмушка чыгышың керек, - деди Айжамал ага акыл айтып.

- Эже, мен орусча өсүп калгамын, анан мени ким алат, Виктор деген жигитим бар болчу, ата-энеси ал кыргыз деп үйлөнтпөй койгон.

- Сен жакшынакай, сулуу кызсың, бактылуу болушуң керек, Анипа, - деди Айжамал.

- Мен адегенде мени төрөгөн аялды бир көрсөмбү деп ойлогом…

- Кантип табасың?

- Билбейм, эмнеге мени карыган орус аялдын колуна таштаганын уккум келген, эже, бир эле көрсөм болот эле.

- Сенин атыңды ким коюптур?

- Апам менен бирге Анипа деген кыз жашачу экен, а апамдын аты Айнакан экен, эмки келгенде сүрөтүн алып келип көрсөтөм ээ, эже?

- Макул, алтыным.

- Бүгүн үйүмө барып келейинчи.

- Өзүң бил, эгер келсең каалаган убакта келип тур.

- Рахмат, сиз үйдө эле болосуз да.

- Ооба, үйдө болом.

- Анда мен кеттим, - деп Анипа Айжамалды бетинен өөп коюп, сумкасын ийинине илди да, кетип калды.

Айжамал жалгызсырай түштү, "Адам карды ток, көңүлү жай болсо дагы жан дүйнөсү жалгызсырайт тура. Мен эмне кылдым, аял болуп бала төрөгөн жокмун, отузга келгиче бир жерге туралбадым, эми туш келген адамга турмушка чыгышым керек", - деп ойлонуп отура берди. Бир кезде эшикке чыкса күн төбөдөн өтүп кетиптир, ары-бери басып жүрүп, анан бир тааныш жигитке жолугууга жөнөдү. Жасанып-түзөнүп, акыркы модада кийинип алып, машинасына отурду. Бир жыл мурун көчөдөн Темир деген жигит менен таанышып калган эле. Ошондон бери сөөлөттүү, тарбиялуу аялдай көрүнүүгө тырышып, сый гана жолугуп жүрөт, бирок Темирдин аялы, эки баласы бар. Айжамалга өткөндө жолукканда жактырып калганын айткан.

Темир соода кылат, Аламүдүн базарында контейнери бар. Кээде соода кылымыш болуп барса, дайым аялы отургандыктан унчуга албай кетип калчу. Бүгүн да билмексен болуп ордуна барса өзү эле экен.

- Кандай, Темир, иштериң жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, өзүң кандайсың, Айжамал?

- Кудайга шүгүр.

- Көрүнбөй кеттиң, же телефонуңду албаптырмын.

- Келсем өзүң жоксуң, - деди Айжамал күлүмсүрөп.

- Аа-а, бир-эки жумага айылга кеткем, кемпир-чалга жардам берип келдим.

- Ал дагы керек. - Баш ийкей товарларын карамыш болду.

- Бошсуңбу, Айжамал?

- Көрүп турасың го?

- Анда бир азга күтө тур, мен контейнерди беките койойун.

- Макул, - деп Айжамал ары басып кетти.

Жарым сааттан кийин Темир контейнерин бекитип коюп, Айжамал менен бирге кетип баратты, аны көргөн жанындагылар кызыга карап калышты. Экөө бир аздан кийин "Сайран" ресторанында отурушту. Мурда чакан кафе болсо эми абдан башкача жасалгаланыптыр, чет жагынан орун алып, заказ берип коюп, сүйлөшүп отурушту.

- Айжамал, өзүңдө бала барбы?

- Жок, үлгүрө элекмин.

- Эчтеке эмес, менде эки уул бар, аялым менен ажырашканы калдым.

- Эмнеге?

- Өзүм да билбейм, көргүм келбей баратат.

- Сүйлөшүп үйлөндүңөр беле?

- Ооба, эки-үч жолу жолугушуп, анан үйлөнгөнбүз, анын кыз эмес экенин билгенден кийин аябай жиним келген, бирок намыс үчүн эч кимге айтпай жашап калгам, - деди Темир улутуна.

- Жакшы аял болсо анын кыз эмес экенинде кеп жок чыгаар…

- Ооба, ал ата-энеме жагып кетти, менден мурун аны Анаш-Анаш деп турушат, түнү менен экөөбүз чукулдашып чыгабыз. Анан уул төрөп берип койду, тун уулум азыр он алтыда, кийинкиси он төрттө. Кудайга шүгүр элебиз, бирок менин таптакыр көңүлүм муздагандай аялыма жибий албай койдум. Менин урушкум келип калганын сезип калса, кайпактай алдыма ашын коюп, кийимимди жууп-тазалап, эч бир мүмкүнчүлүк бербейт урушканга, - деп күлүп калды. - Кыскасы, абдан жойпу аял, ошонусуна ого бетер жиним келип кетет.

- Жакшы аялды жанында жүргөндө сезбей алыстан издейсиң деген туурадыр.

- Балким, бирок мен такыр жашагым келбей баратат, Айжамал.

- Эмне кылайын дейсиң анан?

- Сага сүйлөшөйүн дегем, эгерде башың бош болсо мени кабыл ала аласыңбы?

- Кыйын суроо экен…

- Мага сен жагып калдың.

- Эмнем менен жактым? - Айжамал жылмая сынай карады.

- Бүт турпатың менен, турган турушуң да, сүйлөгөн сөзүң да жакшы, Айжамал, эгерде сен каршы болбосоң сени менен кол кармашып, кайда болсо да кетүүгө даярмын. - Колунан кармап өөп койду.

- Балдарыңар бой жетип калыптыр, Темир, өзүңдү барктап-сыйлап жаткан аялың турса мунуң болбойт, - деди Айжамал токтоо жер карай.

- Мен кантем, сени ойлонуп жинди болуп баратамын.

- Баары өтүп кетет, бул жөн гана бир сезим, ал сезимди жеңүүгө болот, аялың менен эс алууга бар, бири-бириңерди жакшылап түшүнгүлө, анан баары өз-өз ордуна келет.

- Сен мени жөн гана сооротуп жатасың.

- Эмне дешим керек, Темир, жакын арада келин ала турган убак келет, анан аялың экөөңөр эки жакта болсоңор балага терс таасирин тийгизбейби.

- Балдарга кыйын болоорун билем.

- Ошондуктан баарын ойлонуп чечишиң керек, кой эми, Темир, мен барайын. Сен дагы үйүңө бар, аялың күтүп калат, - деп Айжамал ордунан турду. - Бүгүнкү күн үчүн сага чоң ыраазымын, Темир.

- Сен кетип каласыңбы?

- Кези келгенде баары кетет, убакытты текке өткөргөндө эмне…

- Жанымда дагы бир аз отурсаң жакшы болмок, - деп Темир ыңгайсыздана Айжамал менен бирге чыкты. Айжамал анын сөзүнө кулак салбай, өз ою менен алек болду. "Азыр дагы жападан жалгыз калам, үйдө жалгыз калуу кандай арман. Мындан ары үй-бүлөлүү эркектер менен мамиле түзбөйм, бирөөнүн көз жашын, балдарынын убалын моюнума илгенден көрө жалгыз жашаганым дурус болоор", - деп ойлонуп кеткен экен. - Айжамал, эмнеге ойлонуп калдың?

- Аа-а, макул анда жакшы бар, Темир! - деди да келин машинасына отуруп, жөнөп кетти. Темир ошол бойдон кала берди, артынан көпкө карап туруп: "Ой-санаасы көп аял, өзү абдан так, таза жүргөн мындай аялдар чанда гана болсо керек", - деп ойлоп өзүнүн унаа токтоочу жайдагы машинесин айдап, үйүнө жөнөдү.

Айжамал үйүнө келсе Анипа күтүп жатыптыр, көрүп эле кубанып кетти. Эне-баладай болуп кучакташа үйгө киришти, анан Анипа тамак жасады, экөө отуруп тамактанды. Айжамал дале ой чынжырынан чыга албай өзү менен өзү болуп отурду. Анипа аны карап, оюнан адаштыргысы келбей отура берди. Көптөн кийин Анипа бир нерсе оюна түшкөндөй туруп барып, сумкасынан сүрөттү алып келди.

- Айжамал эже, мен сизге бирдеме көрсөтөйүн дедим эле…

- Кана, - деди Айжамал ой деңизинен тумчуга араң чыккандай энтиге дем алып. - Эмне экен ал?

- Мына, мени төрөгөн аял ушул экен, эже. - Айжамал колуна сүрөттү алып көпкө тигилди. Сүрөттөн чачын экиге бөлүп, бирин алдына таштап койгон кара каш, кара көз кыз күлүмсүрөй турду. Бул аппак кофта, кыска кара юбкачан, бутуна ак туфли кийген арыкчырай сулуу кызды Айжамал бир жерден көргөндөй болду.

- Мен бул кызды бир жерден көргөндөймүн, Анипа.

- Чын элеби, эже, мага бир эле көрсөтсөңүз болот эле… - Анипа Айжамалдын алдына кубанычтуу отура калды. - Кайдан көрдүңүз эле, шаардабы деги?

- Өзүм да билбейм, көргөнсүп турам, азыр бул аял башкача болуп калган, бирок дал ушул түспөлү бар…

- Кайда болду экен ээ, көчөдөн аял көрсөм кайсы аял менин апам болду экен деп көзүм талыганча ар бирин карай берем. Сүрөттү колума алып, карай берем, карай берем, - деп Анипа ыйлап ийди. - Кандай күнү таап алып кубанаарымды, апам мени кучактап алып бооруна кысканын элестетсем түнү бою уктабай чыгам, эже…

- Жашоодо баары болот, алтыным, асты үмүтүңдү үзбө…

- Үмүтүм үзүлбөйт, дүйнөдө жападан жалгызмын, эжеке, апамды көрсөм дегенде үмүтүм зор.

- Чыда, күтүүдөн башка амал жок, ал дагы сени ойлонуп жүргөндүр, эне жүрөгү эч качан баланы унутпайт, аргасыз таштаган болсо да өмүр бою сени эстеп, ойлоп жүргөндүр…

- Ойлосо өзү таштап кеткен үйдү билет, неге келбеди, бир жолу издеп келсе болот эле го, неге?! - деп Айжамалды кучактап алып, солкулдап ыйлап жатты.

- Ыйлаба, алтыным, азыр сен да, мен да жалгызбыз, бири-бирибизди эш кылып жашай туралы, бизге дагы кудайым жакшы карап койоор, - деп Айжамал Анипаны чачынан сылай эркелетип отурду. Кеч киргенин сезбей кобурашып отура беришти. Айжамалдын оюнда Анипанын энеси, "Кандайча таштап басып кетти экен, кантип чыдады? Эки айга чейин бакса, анан кетип калса, демек Нинанын багып алаарына көзү жеткен, анан таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мен аны кайдан көрдүм экен, кайдан көрдүм?" - деп ойлонгону менен эстей албады.

Эртеси таң атпай Асылай келип калды, Айжамал кубанып кетти.

- Апа, кайсы шамал айдап келди, өзүм барат элем го? - деди учурашкандан кийин.

- Келдим, кызым, түшүмө эле кирип туруп алдың, дайныңды билбей жүргөндө айла жок жүрчүмүн, эми билип туруп, кантип келбей койом? Деги тынчсыңбы, оорубай сыркабай эле жүрөсүңбү?

- Кызык, денсоолугум таптаза, жакшы эле жүрөм, - деп күлдү Айжамал.

- Көргүм келди да, - деп койду Асылай, анткен менен ичинен аны көргөн түшү тынч алдырбай сары санаа кылып турган. Ал үч жолу түш көрдү, үчөө тең бир эле түш. Күйөө баласы Акылбек үйүнө кирип келет имиш, эки жакты карап: "Мен Айжамалга келдим эле, аны каякка кетирип ийдиңер?", - деп издеп жатканда ойгонуп кетет. Бул түшүнөн чочулап өзү жетип келген. Чай ичишкенден кийин ашканасына кирип, өзү камыр жууруп токоч жасады. Үй ичин ысырыктап, анан куран окуп, нанды сыртта ойноп жүргөн балдарга таратты да, Айжамалдын башынан суу тегеретип чачып, ичкери киргизди.

- Апа, сен көзү ачык болуп кеткенсиң го? - деп күлдү Айжамал.

- Бул да адам баласына керек, кызым, арбактарга куран окуп коюунун жаманы жок, - деп койду эне. Анипа аларды карап отуруп, көз жашы эрксиз мөлт этип кетти. "Менин апам да ушинтсе кана, деги бир көрөмбү, апа деп бир ооз атай аламбы? Эгерде тапсам ал мени кызым деп жакшы көрүп, мээрим төгөбү? Балким дагы башка балдары бардыр, мени балам деп да ойлобойт чыгаар. Ооба, ошондон бери балалуу болуп калгандыр, демек издеп кереги жок, ал мени өлгөн деп эсептеп таштаган да, мындан ары апам бар деп ойлобойм да эстебейм", - деген чечимге келди. Асылай көпкө жүрүп калды, Айжамалдын көңүлү көтөрүңкү болуп калган. Бир күнү үчөө тамактанып отурганда:

- Айжамал, сен менин тагамдын кайнагасын билчү белең? - деди апасы.

- Тайкени го тааныйм, кайнагасын тааныбайм, эмне болуптур?

- Тагам байкуш балалуу болбой жүрүп, ошол кайнагасынын улуу баласы Темирди багып жүрүп, кийин балалуу болгондо баласын алып койгон.

- Анан эмне болду?

- Ошол Темир шаарда, аялы абдан жакшы келин, Темир ажырашам десе ата-энеси болбой жатыптыр, башка бирөөнү таап алган го деп. Аталары кетсең өзүң кете бер деп, келини менен неберелерин айылга алып кетип калган имиш.

- Анын бизге кандай тиешеси бар, апа?

- Сөз да, балам, тагам Темирди чакырып алып сүйлөшсө, мен бир келинди сүйүп калдым, аты Айжамал дептир… - Эне кызынан өзгөрүүнү байкамак болуп карап калды, бирок Айжамал сыр билгизген жок, билмексен боло жылмайып.

- Апа, болсо болгондур, ага биздин тиешебиз канча? - деди.

- Деги да, тагам байкуш Айжамал десе менин Айжамалымбы деп, жетип келип жатпайбы?

- Жарыктыктар десе, дүйнө жүзүндө Айжамал аттуу бир эле мен болсом да…

- Жөн гана сөз да, кызым…

- Мейли эми, ал Темирбектин аялы азыр кайда экен?

- Ал кайната-кайненесиникинде, бечара Айнаканды мен дагы көрүп калдым, абдан жакшы келин.

- Айнакан? - Анипа көздөрүн тостойто сурап ийди.

- Ооба, Темирдин аялы Айнакан деген жоош-момун келин.

- Айнакан дейсизби? - Анипа кайталап сурап, сумкасына жетип, сүрөттү алып келе калды. - Бул сүрөттөгү кызга ал окшобойбу, эне?

- Окшошуп турат, азыр ал толук келин, жаш кезин көргөн эмесмин, - деп Асылай башын чайкады.

- Жакшылап карасаңыз, окшошобу же анча эмеспи? - Анипа сүрөттү маңдайына алып барды. - Дал ушуга көздөрү же мурду, каштары окшошобу?

- Алда-а айланайын, ал кимиң эле, жаш кезиндегиден өзгөрдү да, айланайын, азыр балпайган ак жуумал сүйкүмдүү аял, эки уулу бар, катар-катар чоңоюп калышты.

- Апа, аларды мен эмнеге билбейм, тагамкына барганда андай баласын көргөн эмес элем го?

- Айттым го, Зарылбек көзгө көрүнүп басып калгандан кийин эле берип коюшкан, бирок дале ата-энесиндей каралашып турат, - деди Асылай.

- Ошондой, менден Темир улуу экен да анда?

- Зарылбек дагы сенден эки жаш улуу.

- Ийи-и да.

- Ошол бечаранын үйүн бузган оңбосун да, жеңем каргап-шилеп отурат, улуу баласы эми атасын карабайм деп, таятасына качып кетип калыптыр, балдарына да жаман болуп жатпайбы. Ажырашам деген экен Айнакан болбой коюптур, ала турганыңды ала бер, кайрылып келсең өзүм тосуп алам, кааласаң аны менен да, мени менен да жаша дептир.

- Аябай ичи кең аял го? - Айжамал жылмайып койду.

- Айттым го, абдан жакшы келин деп.

- Мейли, бизге тиешеси канча, апа, менин жумушум чыгып калды, бир-эки саатта келип калам, силер кобурашып отура тургула ээ? - деди да, эшикке чыгып кетти.

Асылай эмне демек, кызынын кайда иштеп, эмне жумуш жасаарын билбей башы маң болуп жатты. "Мен келгенден бери соодага чыкпайт, же иштеген иши жок, кайдан акча табат бул?" - деп ойлоду. Анипа болсо сүрөттү кармаган бойдон ойго чөгүп отурат: "Мен ушул энени ээрчип барсам кандай болот? Апамды таап алсам жалгыз болбой калат элем, мен үчүн кам көрө турган адам болмок, эркелеп жок дегенде төшүнө бир жолу башымды жөлөп, бугумду чыгара ыйлап алмакмын. Анан түнү бою кучактап алып жатмакмын", - деп кыялданып алды. "Өзү күйөөсү таштап кетип, жаман абалда жүрсө мени сүймөк беле? Ал үчүн мен өлгөн баламын да, билбеген бойдон кала берсин. А менчи, мен өмүр бою соксоюп жалгыз каламбы?" - деп ал оюнан кайра айнып отурганда:

- Ээ, кызым, сен кимди издеп жүрдүң эле? - деп Асылай оюн бөлүп ийди.

- Аа-а, ал сүрөт курбу кызымдыкы эле, издей жүр деген.

- Эмне кылат экен аны?

- Ошону билбейт экенмин, сурабаптырмын, эне, аты дагы окшош экен, ошого сурадым…

- Ии-ий, айланайын, мен аны жакшы тааныймын, жоош-момун түзүк келин.

- Ата-энеси барбы?

- Бар эмей, атасы өмүр бою мектептерде деректир, завуч болуп иштеген, апасы дагы мугалим, азыр экөө тең пенсияда.

- Сиз аларды тааныйсызбы?

- Ооба, менин бир тууган агамдын кудасы, ошол эле айылдын четинде турушат.

- Сиз аякка барбайсызбы?

- Жумушум жок, жамандык-жакшылыкта катышып турабыз, айланайын, - деди Асылай сүйлөшүп отурганга эрмек издегендей бериле сүйлөп жатты. - Айнаканды алганда баргамын.

- Аа-а, - деп койду Анипа.

Айжамал үйүнөн чыгып, түз эле Темирдин ордуна барды. Темир соода жасап жаткан экен, ары карап товар көрүмүш этип күтүп турду да, жанына келди.

- Кандай, Темир?

- Оой кандай, Айжамал? - деп Темир шыпылдай колун сунду.

- Сени менен сүйлөшө турган сөз бар.

- Мен дайым даярмын, өзүм дагы сага кеңешмек болуп жаткан элем.

- Ашыкпа, мен бир азга эле келгемин, ошол ордуңа отурсам болобу? - деди да, жооп күтпөй эле контейнердин ичине кирип отурду. - Темир, сен туура эмес иш жасап жатыпсың, Жолдошбек менин бир тууган тагам болот. Сен тез арада аялыңдан кечирим сурап барышың керек, мен апамды уят кылгым келбейт.

- Эмне деп жатасың, Айжамал?

- Мен сага жомок айтып жатканым жок, же мен сага сөз байлап, илинчек кылган белем, экөөбүз тааныш элебиз, туурабы?

- Айжамал.. .

- Сен мени ук, мен дагы мурда билген эмесмин, бирок ортодо эч сөз болбой эле өзүң чечим чыгарганың болбойт…

- Сен кимдин кызысың?

- Мен Сейтаалынын кызымын.

- Чын элеби?

- Ооба, бизди тагдыр ушундайча тааныштырды, апам келип, бүгүн мага баарын айтты, ал тургай атымды угуп алышыптыр.

- Мына сага, ушундай де. - Темир шалак эте отуруп калды. - Кечир, Айжамал, мен чынында туура эмес кылган экенмин.

- Дагы бир сөз…

- Кандай?

- Аялың Айнаканды кыз албадым дедиң беле?

- Ооба…

- Сага баласы бар экенин айткан беле?

- Жок, кандайча бала?

- Жөн айттым, аты Айнаканбы? Анипа деген курбу кызы бар бекен сурачы.

- Бар-бар.

- Болду башка сөздүн кереги жок, биз эми бир тууган таяке-жээнбиз, ортобузда эч нерсе болгон эмес, болбойт дагы. Үй-бүлөң менен бактылуу бол! - деп өйдө турду. - Аялыңды алып келгенде мен силерди конокко чакырам.

Айжамал ушинтти да, түптүз үйүнө жөнөдү. "Шумдугуң кургур, эми өзүмө жаккан адамды таптым деп жүрсөм… дагы жолум болбоду", - деп ойлонуп эшигине келди. Асылай уктап калган, Анипа кат жазып жатты. Ал таене-таятасына өзү бармак болду. "Саламатсыздарбы, бейтааныш менин адамдарым, мен силердин бейкүнөө төрөлгөн небере кызыңармын. Балким мен үчүн бир кезде кызыңар Айнаканды күнөөлөп, балалыктан кечмек болгондурсуңар, же таптакыр билген эместирсиңер… Бирок жылдар өтүп, мен чоңоюп, өзүмдүн таштанды кыз экенимди билген күндөн тарта жалгызсырап, жанымды койоорго жер таппай келем. Анткени мени баккан орус кемпир Нина көз жумгандан бери таянаар таянычы, жөлөнөөр жөлөгү жок, бир жетим улактаймын. Колумда мени төрөгөн кыздын сүрөтү, издеп келем, издегеним менен кумга сиңип кеткендей иги-жиги билинбей жүрүп, жакында бир изин таптым. Балким менин апам ал эместир, андай болсо миң мертебе кечирим сурайм! Дүйнөдө жалгыздык өтө жаман экенин сезип-туюп, жаш жүрөгүм жараланды. Эгерде… эгерде чын эле ал менин апам болсо, бир гана жолу көрүп, бир гана жолу өз көзүм менен карап алганга болоор бекен? Балким бир кезде таштап кеткен кызын ойлогусу да келбес, бирок мага абдан керек, көзүмдү ача электе жээрип таштаса да, эми мени бир жолу кучактап, мээрим төгүшүн каалайм… Кечиргиле, менин кымбат адамдарым, мендей таштанды бейбак кыздын үнүн угуп, өз жүрөгүңөр менен тыңшап көргүлөчү?! Менин атым Анипа, 1986-жылы 22-сентябрда туулгам. 15. 06", - деп жазып туруп, төрт бүктөп капчыгына салып алды. Сырттан чыккан дабыштан улам тура калды. Айжамал үйгө кирип келе жатып:

- Уктап калдыңарбы? - деп дабыш берди.

- Мен ойгоомун.

- Эмнеге ойгоо отурасың?

- Уйку келбейт.

- Апам кечки чайын ичтиби?

- Ооба, тамак жасагам, сизге берейинби?

- Жок, кардым ток.

- Жатасызбы?

- Эс алайын, - деди чарчаңкы үн менен.

- Макул.

- Көңүлүң кандай?

- Эмнеге?

- Ичкенге, вино алып келчи, бир аз ичели…

- Болуптур, ашканага кириңиз.

- Жарайт, - деп Айжамал ашканага башбакты. Экөө отуруп вино ичишти, Айжамал үндөгөн жок, узун ойдун учуна жетпей, санаанын кучагында улам куйган винону жутуп коюп отурганда Анипа үнүн пас чыгарып:

- Абдан капасыз го? - деди.

- Айтпа.

- Сизди эч нерсеге капаланбайт го дечүмүн.

- Неге?

- Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз бар.

- Аа-а, туура айтасың, андай болушу мүмкүн, бирок, Анипа, сен мени түшүнчү, кээде адамды бук кылган көп нерсе болот…

- Түшүнөм.

- Жо-ок, - Айжамал сөөмөйүн Анипага карай ары-бери булгады. - Жок, Анипа, ата-энең менен бир туугандарга айтпай турган дагы ички сыр болот.

- Билем…

- Эмнени билесиң? - Айжамал улутунуп алды. - Сен эчтеке билбейсиң, болгону күчүк сымал эми гана көзүң ачылып келе жатат, ачуу менен таттууну тата элексиң берекем, - деп башын жерге салып отуруп калды.

- Анда эс алалы, эже, менин уйкум келди, - деп күлүп Айжамалды колтуктап, өз бөлмөсүнө алып кирди. Ал чечинбей эле жатып калды, Анипа үстүнө шейшеп жаап коюп, өз бөлмөсүнө кирди. "Мен апамды көрүүдөн баш тартсамбы же бир көрсөмбү, дайынын билип туруп чыдай албайт окшойм, баары бир көрүшүм керек, анын ата-энесин табам", - деп ойлоп жатып, уктап кетти. Эртеси Айжамал апасын көчөгө алып чыгып, базардан кийим-кече алып берди да, агасы Турдубектикине алып барды. Ал үйүн бүтүп калган эле, апасы менен карындашын көрүп, кубанып кетти. Сурма экөө тосуп чыгышты.

- Аке, - деди Айжамал Турдубекти карай, - апам кетем дейт, сиз жеткирип келиңиз, бул машинаны келгенден кийин сизге өткөрүп берем, азыр менин иштерим чыгып калды.

- Ой, чын эле мага бересиңби, ишенбей турам.

- Ооба, аке, сиз айдаңыз, праваңыз бар да.

- Бар, бирок азыр мен айдаганда ГАИлер тоссочу?

- Мен доверенность жаздырып берем.

- Давай, бала-чакам менен бир барып келейин, - деп Турдубек кубана түштү.

Айжамал ошол эле күнү агасына машиненин документин тууралап берип, апасына белек-бечкегин алып берип жөнөттү. Ошол күнү ал өзүнчө кыжаалат болуп турду. Өмүрүндө аз дагы болсо байлыктын даамын татты, бирок ал турмушта карды ток, кийими бүтүн, көңүл жай болуп, өз түгөйү, бала-чакасы менен бактылуу жашоо гана адамдын бөксө жерин толтураарын сезди. "Эх жашоо, неге мен өз ырыскымды өзүм тептим, неге үй-бүлөнү сактоого кудуретим жетпеди? Өтө эле өзүм билемдик кылыпмын, жок дегенде балалуу боломбу же болбоймбу, ошону ойлогон эмес экенмин", - деп жатып алып да, туруп басып жүрүп да ойлонду, бирок ой түбүнө жете албады. Кылт этсе оюна Акылбек келе берип, кызыктай акыбалга кептелди. Анан Анипаны бөлмөсүнөн издеп таппай калды, анын ордунан бир барак кат алды: "Айжамал эже, мени кечириңиз. Мен апамды издеп кеттим, жалгыздыкка чыдай албай калдым. Анын үстүнө төрөгөн апам ошол Айнаканбы же башкабы так билип, үмүтүмдү биротоло үзүп же тилегим орундалып, бактылуулардын катарына киргим келди. Кабыл алса да, кабыл албаса да бир көрсөм деп жан дүйнөм тынч ала албай калдым, эже, мен бат эле келем. Кечирип коюңуз, эже… деп Анипа".

- Бечара кыз, жолуң болсун, - деп баракты кармап алып, аркы-терки басып жүрдү. - Ата-эне бар болсо кадырына жете албайбыз го, чиркин, жок болсо жылуу сөзүнө, мээримине зар болуп, көргүң келип көздөн учат. Неге мындай, жараткан, пендеңе ысык жаркыраган күндүн илеби да, сөөк какшаткан бороондуу аязың да жакпайт, бактылуу болуп турса бакытты башка жактан издеген пендебиз…

- Ай, ким бар? - деген сырттан үн чыкканда ойлору чачкындай босогого чыга калды.

- Келиңиз, эже, - деп кошуна аялды утурлай басты.

- Келип калдык, сенин дүкөнүң иштеп жатабы?

- Эмне керек эле?

- Деги сенде колбаса болчу беле?

- Бар, албетте.

- Ой, айланайын, ырас болбодубу, конок келмек эле, базарга жүгүрбөй сенден эле ала койоюн, - дегенде Айжамал ичкери кирип, дүкөнчөнүн ачкычын алып чыкты. Анан муздаткыч айнектин ичиндеги колбасаларды көрсөттү эле кошуна аял каалаганын алды да жөнөдү.

- Келип туруңуз.

- Ой келбей анан. Мейли, жакшы тур.

Айжамал аны карап жылмая: "Бактылуу болсо керек, телегейи тегиз, күйөөсү, балдары бар, эч нерседен камы жок", - деп ойлоп, кайрадан өз ойлору менен алектене кетти…

Абсатар менен Суусаркан Темирбектин машинасы менен шаардын четиндеги жаңыдан курулуп жаткан айыл конуштарынын бирин көздөй баратты. Айнур дагы эки баласын алып алган. Тартуу, белек-бечкекти мол алышкан, зымыраган машина асфальт бүтүп, өңгүл-дөңгүл жолго түшүп кетип баратты. Суусаркан алдынан эки кызы чыга кала тургансып эки жакты карап баратып, Абсатарга кайрылды:

- Сен Умсунайдан кечирим сурайсың, уктуңбу?

- Болуптур, апа, макул дедим го? - Абсатар күлүп калды.

- Макул дедим го деп койот, ал кандай сүйлөсө да эп, баарына чыдап көтөрөсүң. Эки кызым бирөөнүн колунда өспөсүн, уулум, кыз деген кызыл алтын, кызга эмес кызыл тырмакка зар болгондор канча, кудайым сүйүп, ушу кыздарды бергенге ыраазы болсоң.

- Ооба, туура айтасың, апа, мен дагы кеч түшүндүм.

- Мейли эми, кеч болсо дагы түшүндү…

- Апа, сен келиниңди дароо эле макул болот деп ойлоп жатасыңбы? - деди Айнур күлүп.

- Ийи, анан эмне кылмак эле?

- Болбо-ойт, ал дагы шаардын жашоосуна көнүп калды, акча кармап калган киши айылды көргүсү да келбейт.

- Анан эмне кылабыз? - Эне кызын суроолуу карады.

- Адегенде макулдашкыла, ал деген көңүлү калган аял, акеме таарынычы күчтүү, акырындап көндүрүш керек. Акем калсын, түшүндүрсүн өзү, антпесе кечээ эле кеткен келин эмес, үч жыл өттү, апа.

- Кандай болсо да келинимди алып кетсем болду.

- Мына келип калдык.

- Өздөрүнүн үйү эместир, батир болсо этияттап сүйлөгүлө, - деди Абсатар.

- Жок, аке, өздөрүнүн үйү экен.

- Да, үй алууга жетишиптирби?

- Ооба. - Машина токтогондо Айнур менен Суусаркан түшүп, үйдү көздөй басканда үчкө чыгып-чыга элек баланы көтөргөн Алтынчач көрүндү. Ал келе жаткан чоң энесин дароо тааный коюп, бери карай жүгүрдү.

- Чоң апа-а!

- Чоң апаң сенден айлансын! - деп Суусаркан небересине кулачын жая муун-жүүнү бошой алдыга жүткүндү. - Каралдым десе, аман жүрөсүңөрбү деги, көрө турган күнүм бар экен го?! - Алтынчачты кучактап калды, кичинекей Айдар чоочуркай туруп калды. Алтынчачты койо берген кары балага карады. - Бул ким, кагылайын?

- Бөбөгүм.

- Каралдым десе, - деп Суусаркан эми баланы кучактап өптү да, машинадан али түшпөй отурган Абсатарды карады. - Ой, бала, карачы, өзүңө окшоштугун, сенин кичинекейиңдеги эле сүрөтүң, каралдыларым десе, - деп эбелек-жебелек болуп кубанычы койнуна сыйбай турганда үндөрдөн улам чыга калган Үмүтай кудагыйын көрүп, бери көздөй басты. Карачач дагы жүгүрдү, бирок ал тааныбай калган, үч жашарында кеткен кыз анча билбейт эле. - Келе гой, секелегим, каралдыларым менин, - деп Суусаркан неберелерин көрүп, көз жашын тыялбай жатты.

- Келгиле, кудагый, - деп Үмүтай жете келди.

- Келдик, айланайын, кандай, жакшы жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, - деп Үмүтай Айнур менен да учурашып, - үйгө киргиле, - деди.

Аңгыча Абсатар келип, кайненеси менен учурашты. Үмүтай мурункудан толуп, өңүнө чыгып, үстүнө баалуу халаттан кийип алган эле, анын баарын байкашты да ичкериге киришти. Абсатар Айдарды көтөрүп алып, эшикте калды, кантсе дагы төө көтөргүс күнөөсүн өзү билет эмеспи. Кайненесинен тайсалдап тартынып турду, Алтынчач атасынын маңдайына келип:

- Эмнеге бизге келбей койдуң? - деди бултуя.

- Кол бошобойт, кызым, анан силер таптырбай кетпедиңерби? - Кучактап чачынан сылап, чекесинен өптү. - Апаң силерди менден ала качпадыбы?

- Ыкы, апам ала качкан жок, алар таятамдан качты.

- Эмнеге?

- Ал көп ичет да.

- Каякта калды таятаң?

- Ооруканада.

- Ооруп жатабы?

- Жок, арак ичпей турган болот.

- Ким ошентип айтты?

- Апам, тайнем менен тайкемдер.

- Апаң кайда?

- Казакстанга кеткен.

- Эмнеге?

- Соода кылат, бир жумада бир барат.

- Качан келет анан?

- Эки күндөн кийин.

- Окуп жатасыңарбы, кызым?

- Ооба, үчүнчү класста окуйм.

- Азамат, менин кызым акылдуу болгон тура, жакшы окуп жатасыңбы анан?

- Алтынчач эже, тиги кишини чакырып койчу, - деп Карачач үйдөн чыкканда Алтынчач күлүп жиберди:

- Жинди, ал биздин атабыз да.

- Ооба сага, мен тааныбайм, - деп кайра кирип кетти.

- Кичинекей эмес беле, тааныбай калат да, кызым, жүрү үйгө кирели, иниңдин аты ким?

- Айдар, атаңа окшош дейт аны апам.

- Канчага чыкты? - деди дале күмөнсүгөн Абсатар.

- Эки жаш сегиз ай, экинчи июнда төрөлгөн, биринчи июнда төрөлсө белек алмак экен, экисинде төрөлүп калыптыр да, ошондо үч жаш болот.

- Садагам десе, - деген Абсатар оор улутунуп ийди.

Демек өзүмдүн уулум тура, боюнда бар экенин билбей калганымды кара, өзү дагы өчөшүп айтпай койгон экен. Мейли, эми булардан карыш бөлүнбөйм, Умсунай барбаса балдарымды алып кетем да, өмүр бою бойдок өтөм", - деген чечимге келип, тарткынчыктай үйгө кирди. Баары аны карап калышты, кирип келип эле Карачачты карай:

- Кел, кызым, келе гой, - деди колдорун жаңсай.

- Аный, барбайм, - деп Карачач таенесине жашынды.

- Бара гой, атаң да, балам. - Үмүтай ага атасы экенин түшүндүрмөк болду. - Атаң болот, кызым.

- Эмнеге ал мурун келбей жүрдү эле?

- Ал алыста жашайт да.

- Аа-а, Алтынчач эжемдин, Айдардын да атасыбы?

- Ооба, балам, баарыңардын атаңар да, бара гой, садага.

- Баргым келбейт да… - Колун оозуна салып, кылтыя карады.

- Кой антпе, атаң силер үчүн келбедиби, кызым.

- Апамачы? - дегенде баары бири-бирин карап калды.

- Баарыңар үчүн келбедикпи, кызым, кел, келе гой, садага, кел мага келчи, - деп Суусаркан өзүнө чакырды. - Үйгө алып кетейин деп келбедикпи?

- Апам жок да…

- Келгенче күтөбүз, садага, - деп Суусаркан неберелерин алмак-салмак өпкүлөп жатты. Үмүтай дасторкон жайып, чай алып келди, мешке көмүр салып, үстүнө тамак асты. Суусаркан үндөбөгөн кудагыйына карай сөз баштады. - Кудагый, сага чоң рахмат, айланайын, үйүңөргө барып таппай калдым, шаарга келгенде чоң экен, кайдан издээрибизди билбей убакыт өтүп кетти. Куда кандай, ал да шаарда деп уктук эле?

- Ал ооруканада, кудагый, балдар аны дарылатып жатат.

- Жакшы кылыпсыңар, айланайын, эми дуруспу?

- Дурус эле…

- Умсунай кайда?

- Ал жумасына бир Казакстанга каттап жатат.

- Соода кылып жаткан го?

- Ооба, кудагый, көрүп турасыз, үйдү сатып алдык, Умсунайдын тыңдыгынан эки инисин жанына алып иштеп, бутка жакшы туруп алды. Бу баласын төрөөр-төрөгүчө базарда болду, кайра эки айынан өзүм бактым, эми жаманым да чоңоюп калды.

Эки кудагый сүйлөшүп отурганда Абсатар жер карап баш көтөрө албады. "Умсунай өтө тажаал, айтканынан кайтпайт, эми ал мага балдарды да бербей, өзү да барбайм деп койсо кантем, катуу жаңылган экенмин", - деп ойлонуп отурду. Үмүтай үндөбөй кудагыйы менен күйөө балдарын сыйлап жатты. Темирбек менен Айнур кетип калды. Суусаркан менен Абсатар калып, балдары менен бабырашып отурушту. Тили так чыга элек чулдураган Айдарды Абсатар көтөрүп алып, эшикте басып жүрдү, кубанычында чек жок. "Мен акмакмын, эркек бала төрөбөйсүң деп жакшы аялдын кадырын билбей кайдагы бирөөнү алып, андан зорго кутулдум. Кызык, адамга эмне керек өзү? Турмушум ойдогудай, кучагымда жакшынакай кыздарым, койнумда акыл-эстүү аялым турса өз бактымды көтөрө албай акмак болдум. Мени кечирээр бекен Умсунай, же кайдан келсең ошол жакка кет дейби?" - деп уулун улам ууртунан өөп коюп, күүгүмдө гана үйгө кирди. Суусаркан үч-төрт күн жатып алды, Абсатар болсо үйүнүн эки жагына жардамдашып, кайнилери менен жүрдү. Жети күн дегенде Умсунай кечке маал такси менен келип калды. Ал бир жигит менен жүрүп алган, жанында ал бар эле. Эшиктин алдында турган Абсатарды көрдү да:

- Силер кете бергиле, менин күйөөм турат эшикте, - деп өзү түшүп, үйүн көздөй басты.

- Эмне, күйөөңдүн көзүнчө барсам болбойбу? - деди артынан Азамат.

- Жок, - деген бойдон токтобой келе берди. Уулу апасын көрүп:

- Апа-а! - деп талпына бой таштады.

- Күчүгүм, кел, келе гой, апаң сага эмне алып келди? - деп Умсунай канатын жая уулун көздөй келе жатты, баланы жерге түшүргөн Абсатар дагы аны көздөй басты.

- Кандай, Умсунай?

- Жакшы, кайдан жүрөсүң адашып? - Умсунай кыйгачтай аны карагысы келбей, уулун көтөрүп үйгө кирди. Кайненесин көргөндө гана бир азга селдейе туруп калды. Эки кызы эки жагынан:

- Атам келди, апа…

- Апам келди, - дешип жабышып калды.

- Кандай, кызым, таенеңерге жардам берип жатасыңарбы? - деп экөөнү өөп, Суусарканды карады. - Келгиле, апа…

- Келдим, садага, керимселдей керилген келиним бар эле дейм да, кандай садагаң болоюн, жакшы жүрөсүңбү? - деп очорула туруп келип, келинин кучактап эки бетинен өптү. - Кагылайын десе, бизди кечир, сени таппай калдык бат эле, шаарыңан ийне жоготконсуп издегениңди табыш кыйын экен.

- Өзүңүз кандайсыз, апа, оорубай-сыркабай эле жүрөсүзбү?

- Мени кудай алмак беле, балам, мына бул жамандарды сагынып жаман болдум, же табалбайм.

- Ошондой болуп калды да, апа, - деп Умсунай өз апасына кайрылды. - Апа, сумкадагыларды алып чыгыңызчы, балдарга да бирдемелерди алып келдим эле… - Үмүтай таттууларды алып чыгып, таттуу токочторду дасторконго койду. Балдары ызы-чуу болуп, талаша жеп жатышты. Абсатар ичке кирбей эшикте жүрө берди.

- Ишиң жакшыбы, айланайын, кыйналган жоксуңбу?

- Апа, кыйналышы жок жыргал болмок беле, күндөп-түндөп талаа-түздө кийимчен жатып-туруп, балдарды багып жатам.

- Айла-анайын, өзүң өжөрсүң, тыңсың да, кагылайын, Умсунай, мени кечиресиңби, садага? - деди эне эңкейе келинин жүзүнө үңүлүп.

- Жарыктык, сиздин эмнеңизди кечиргидей, кайсы күнөөңүздү айтасыз? - деп күлдү Умсунай.

- Абсатарды кечир, кагылайын, мен болсо карыдым, өз оокатыңарды өзүңөр жасап, бойтойгон балдарыңарды экөөлөп тарбиялагыла, садага, өз күнөөсүн сезген балам үйгө кире албай жүрбөйбү.

- Апа-а, мен сизге эки дүйнөдө ыраазымын, сизден кеткен күнү да эне катары сизди күнөөлөй алмак эмесмин, бирок…

- Бирок-сирогуңду кой, балам, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, - Суусаркан үшкүрүнүп алды. - Мага сенден башка келин жакпасын билесиң, балам, сени өз кызымдай көрөм, кызым болсо да сенчелик болоор, Айнурдан кем көрбөсүмдү өзүң деле жакшы билесиң го?

- Билем, апа, сизге кайыр айтууга акым жок, мен деле сизди өз энемдей жакшы көрөм, - дегени менен Умсунай эмне дээрин билбей дел болуп отурду. Анын оюнда Азамат, аны менен таанышканына бир жылдай болгон, өзүнөн алты жаш кичүү. Үйлөнөм деп айтпайт, товарын ташышат, анан экөө мейманканаларга түнөп алып, иш менен алектенишет. Кыскасы убактылуу гана кумар, үч баласын ойлогондо эмне кылаарын өзү да билбей кетет. Абсатардын акыркы жолку уу сөздөрүн эстесе көргүсү жок. - Балаңыздын уу сөздөрү менин жадымдан али чыга элек, балдарды болсо талбаган эмгегим менен кор кылбай багып алам…

- Кой, каралдым, эркек эмне дебейт, түшкө эмне кирбейт дегендей, жаман эркек жата калып эшек үркүтөт деген ошо-о, балам. Жакшы аял үйдүн куту, кут бир гана түшөт, балам, сен менин үйүмө түшкөн кут элең, жоготуп аламбы деп түн уйкумду кечип көп ойлондум, садага, кечиримдүү бол.

- Мени кыстабаңыз, апа, балдарымдын ойдогудай тарбия алышы мен үчүн алдыңкы маселе, өзүмдү деле ойлонбой калдым.

- Абсатар сенден тартынып жатат, садага, эшикке чыгып сүйлөш, кагылайын, эр жигиттин айыбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң дейт. Жигиттин жаңылыштыгын аялдын сырттаны кечирет экен, Абсатар өз күнөөсүн сезип, эмне кылаарын билбей жатат.

- Кудагый, - деди Үмүтай эми гана, - балдар өздөрү сүйлөшүшсүн, сиз экөөбүз мындай басып келели, жашоо өздөрүнүкү, үч бала турганда кайда бармак эле, - деди кызын бир карап алып. - Мен Сагынбекке барып келейин, кудагый экөөбүз деле бир кафе-сафе дегенге кирип, эки жакты көрүп келели.

- Опе-ей, апа, сиз дагы көчөгө чыккыңыз келип калган го? - деп Умсунай күлүп калды, анан чөнтөгүнөн акча алып чыкты. - Муну алып ал, апа.

- Капырай бизде жан жок бекен, кудагый экөөбүз канча жылдан бери бир жакшы чайлаша элекпиз, кенен-кесири сүйлөшүп, бир чер жазып келели, - деди Үмүтай. - Жүрү, кудагый.

- Туура, айланайын кудагый, куданы мен дагы көрөйүн, анан ырас эле шаардын аллейине кериле бир басып келеличи, - деди Суусаркан дагы көңүлдөнө, кудагыйына ыраазы боло кийинип, ордунан туруп жөнөдү. "Ээн-эркин сүйлөшүп, чечишип алышсын, кайран гана кудагыйым", - деп култуңдай сүйүнүп жатты.

Алар кеткенден кийин Абсатар уулун кыздарына берип, үйгө кирди да:

- Умсун, мени кечир, - деди башын жерге сала. - Ошондо неге боюңда бар экенин айткан жоксуң?

- Өткөндү козгобо, Аби, мен эми баягы оозуна заң сүйкөсө эч нерсени сезбеген Умсунай эмесмин. Мен көптү көрдүм, үч жыл айта келсе оңой, бирок жашап келсең үч жылдын ар бир күнү менин эси-көөнүмдөн кетпей турат, - деп Умсунай аны карабай туруп сүйлөй баштады. - Сен айтмакчы алкаш атамдын айынан шаарга келип алып, тырышып кышта суукка тоңуп, ысыкта күнгө күйүп, ушул үйдү алдык. Кудайга шүгүр, адамдан айтпаса дагы кудайым өзү жалгайм десе өзү билет экен, ишим жакшы жүрүп берди…

- Кечир, Умсун, сүйлөгөн сөздөрүм үчүн кечирим сураганым аздык кылаар, ошентсе да кечирим сурайм, тизе бүк десең бүгөйүн, балдарымдын кадыры үчүн кечир!

- Кеч болуп калды, Аби.

- Неге, жо-ок, сен андай аял эмессиң, алтыным, жүрү кыздарымды, уулумду алып базарлатып келейин, аянтка барып, балдарымды ойнотуп келеличи, - деп Абсатар дароо Умсунайдын эки тизесинен кармай көздөрүнө тигилди. - Макулбу, алтыным, ушулардын бактысы үчүн биз биригеличи, жаным, өткөн-кеткенди кечиришели…

- Жок, Аби, корогон кайран сөзүң, мен сенин изиңди кайра баспаска өзүмө-өзүм сөз берип койгомун.

- Кантип, балдарымды атасыз өстүрмөксүңбү?

- Пешенесине жазганын көрүшөт…

- Умсун, мени кечир, балдарымды менден бөлбө!

- Баарын өзүң кылгансың, кыздарды бала катары көргөн эмессиң, ошондуктан эки кызды башка аялга айырбаштагансың. Мен апамды сыйлаганымдан сага үндөгөнүм жок, анткени ал киши мен үчүн ыйык, өз энемдей камкор, жаман айтып, көңүлүмдү муздаткан эмес. Сенден бир дагы эсимде калаарлык жакшы сөзүңдү укпагамын…

- Кечир, "көсөөнүн акылы түштөн кийин" дегендей мен кеч түшүнүп, катуу өкүндүм.

- Кудайга шүгүр, дагы эки кызымдан кийин кудайым зарымды укканбы, жаман уул таап алып, кубанып отурам, эми бизди өз жайыбызга кой, балдарыңа жолугуп тур, ага каршы эмесмин.

- Умсун, балдарыбыз үчүн…

- Жок, Аби.

- Суранам.

- Болбойт.

- Эмне, сөз байлаганың барбы? - деди Абсатар кызгангандай.

- Ошондой болсо жакшы болмок, - деп Умсунай улутунуп ийди, Азаматтын бир жолу да үйлөнүп алалы дебегенине өкүнүп турду. - Анда мен сенден мурун эле кетип калмакмын, эркектердин баары сендей деп көңүлүм чаппайт.

Ушул убакта эки кызы Айдарды жетелеп кирип келишти.

- Апа, Айдар ыйлап жатат.

- Ойнобой койбодубу, - деди Карачач эдиреңдей.

- Алтынчач, үйгө кетелиби, кызым?

- Билбейм, апам билет.

- Чогуу кетебиз ээ, кызым, Карачач, келчи, кызым, мага.

- Сен менин атам болосуң да ээ?

- Ананчы, оо садагаларым десе, - деп Карачачты алдына алды эле Айдар дагы чулдурап:

- Ата ээ, ата? - деп алдына отурмак болду. Абсатар экөөнү алдына алып, кубанып жатты. - Апа, ата…

- Садага болоюндарым десе, мен жинди болдум, балдарым, таппай канча жүрдүм, же дайыныңарды билбейм.

- Ит менен издесең табат элең, - деди Умсунай.

- Из кубар итим жок да? - Абсатар дагы күлүп калды.

- Ата, сен бизди алып кетесиңби? - деди Алтынчач кубана карап.

- Ооба, кызым, эртең эрте аянтка, паркка алпарып келейинби?

- Ур-ре барабыз, апам дагы бизди алпарган да, селкинчекке түшөбүзбү, ата?

- Ооба, селкинчекке да түшүрөм, каруселге түшүрөм ээ, балдарым?

- Ооба, түшөбүз, чогуу барабызбы, апам дагы барабы?

- Сөзсүз да, апаң болуп чогуу барабыз.

- Жырга-ал, биз эми чогуу болобуз ээ, апа? - деп кыздары Умсунайды караганда ал "ооба" же "жок" дей албай тиштенип отуруп калды. "Ушуларды башка бирөө жакшы көрмөкпү, кантсе дагы өз атасы го, булардын ушул кубанычын кантип суутмак элем, ушулардын бактысы менин бактым эмеспи. Астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген деп кайненемдин айтканы туура, балдарым үчүн кечирүүгө тийишмин", - деген чечимге токтолду. Алтынчач менен Карачач анын оюндагысын кайдан билди, тек эртеңки көчөгө чыгып ойногонду ойлоп, кыялдана секирип сыртка чыгып кетишти.

- Садагам десе, уулумдун бар экенин билбей жүрө бергенимди кара, - деп уулун өпкүлөп отурду Абсатар.

Умсунай нес болуп отурду. Анын унчукпаганы Абсатарга майдай эле жакты, ичинен кудуңдап: "Буйруса балдарым менен бирге үйгө барып, бапырап калалы. Апакем алтын да, адамдын жакшысын билет, мен үчүн жандалбас кылган апамды Умсунай бапестеп багат. Акыл-эстүү аялдын айтканынан чыкпай кудай деп жашайын, уул десе уулум, кыз десе кызым турат, мен бактылуу ата болуп калам", - деп сүйүнүп отурду. Эки кызы кайра серең-серең эте чуркап кирип, үчөө тең аталап жанында отурган. Умсунай дүкөндөн эт-аш алып келип, тамак жасап, кечкинин камын көрүп жатканда Суусаркан менен Үмүтай келип калды.

- Ойла-анайын берекелерим, көлөкөлөрүм, чүрпөлөрүм, - деп эшиктен кирип келе жатып эле жалынып-жалбарып жатты Суусаркан эне.

- Чоң апа, бизди айылга алып кетет экен атам, - деди сүйүнчүлөй Алтынчач.

- Мен дагы барамбы? - деди Карачач.

- Барбай анан, балакетиңди алайын, силер жок үйгө отура албай калбадымбы? - деп Үмүтай экөө акырын ымдашып, иш жайында дегендей ооздорун кымтып койду. Ошентип ал күнү Умсунай олку-солку болуп, санаасы санга бөлүнүп турганда апасы каткан эттерин алып чыкты.

- Ушуну көптөн бери сүрсүтүп жүрдүм эле, кудагый, бу шаарда эт сүрсүтпөйт экен, "свежий" дешип эле алып келип жей беришет тура.

- Кайран кудагыйым, кудай берген жансың да, пейлиңден тап, айланайын, балдарыңдан сый көр.

- Айтканыңыз келсинчи, кудагый, эмки жылы балам үйлөнөм деп турат. Буйруса, атасы адам катарына кошулуп калса, биз дагы бөрүдөй болуп калабыз го? - деп Үмүтай ички сырын жашырбай төгүп отурду.

- Кудай буйруса кудам жакшы болуп калыптыр, ой тим эле сомодой созулган жигит тура, ботом, ичип жүрсө эле билинбейт экен да, - деп Суусаркан шыпшына сүйлөдү.

- Өзүн-өзү кордогон неме да, кудагый, быйыл айылдагы үйдү оңдоп-түзөп койсок душман көзүнө көрүнүп калат элек, ичип алып жүрсө бир тууганы деле адам дебей калат экен. Бар болсоң көрө албаган, жок болсоң бере албаган тууган ошол экен да, бир да бири басып келип кабар алышкан жок. Умсунай инилерине эш болуп, бизди сүйрөбөсө жүрөт элек да, эми бутка туруп калды, буйруса жүз миңдеген сом менен иштеп жатат.

- Жүз миң дейсиңби? - деди Суусаркан укпай калгандай.

- Ооба, кудагый, эми кудай эле жар болсун…

- Ко-оку-уй этият болуп жүр, садага, азыр жаман болчу эле, адамга ишенич барбы? - деп корккондой ормойду Суусаркан.

- Апа, ал жүз миң эчтеке эмес, менден көп акча айлантышат, ал азыр акча деле болбой баратпайбы? - деди күлгөн Умсунай.

- Ошентсе да сактансаң сактайм деген да кудай, - деп дагы көпкө отурушту.

Умсунай эртеси кайдадыр кетип, кеч күүгүмгө чейин жоголду. Ал Азаматка жолугуп, экөө кафеде отурушту.

- Азамат, сен экөөбүз жакшы жүрдүк, иштештик бирге, эми мен дагы өз ордумду табайын, балдарымды атасыз калтыра албайм, кыздарым чоңойду.

- Өзүң бил, Умсун, бүгүн анда коштошобузбу?

- Ооба, сага рахмат…

- Эмнеге, соодага мени үйрөттүң, өз эмгегимди берип турдуң, сага рахмат.

- Анан? - Умсунай Азаматты кылгыра карады. - Башка сөзүң жокпу?

- Эмне дейин эми, жаным, жүрү андан көрө саунага барып, бир жакшы коштошуп алалы.

- Макул, бирок күйөөм билип калсачы?

- Баары бир сенин таза жүргөнүңө ишенмек беле?

- Ишенсе да, ишенбесе да мен үчүн башкысы балдарым атасыз өспөсө болду, - деп улутунуп ийди. Өзү чынында жашы кичүү болгонуна карабай Азаматты жакшы көрөт, ушунча болуп бир жолу дагы сүйөм же үйлөнөлү деп койбогонуна ичинен ыза болду. Бирок ортодогу мамилелери, убактылуу кумар оту азгырып, экөө кафеден чыгып, саунага жөнөштү…

Ошонун эртеси эле Темирбек менен Айнур келип калышты. Бул кезде Умсунай апасына болгон акчасын каттырып, инилерине акыл-насаатын айтып, Абсатар экөө үч баласын алып, базарга чыгып кетишкен. Балдары менен кечке аянтка, андан ары парктарга барып, каруселдерге ойнотушту, Абсатар өз акчасына Умсунайга каалаган нерсеңди алып ал деди эле ал болбоду. Анын дале ички сырын биле албаган Абсатар эптеп эле үйүнө алып кеткиси келип турду. "Мейли, ич күптүсү бар да, ушунчалык макул болгонуна шүгүр, балдарым жанымда болот", - деп кубанып, кыздарына, уулуна оюнчуктарды сатып берип жатты. Кечке маал келишсе Темирбектер кетип калыптыр. Ошондон бир күндөн кийин таарынышкан жубайлар бир-бирин түшүнүшө, бир түтүн булатууга өз очокторун көздөй жөнөштү.

Суусаркан эненин кубанычында чек жок, келген күндүн эртеси эле чоң кой союп, колу-коңшусун чакырып, түлөө өткөрдү, бапыраңдап баарын чачып жатты. Ошентип жашоо өтүп жатканда айыл ичинде Айжамалдын өз машинасы менен авариядан каза болгондугу тууралуу эл кеп кылып жатканын укту. Абсатар ар кимиси ар кандай сөз кылып жатканын укту:

- Ботом Сейтаалынын кызы аябай байып кеткен имиш, анан биякка келе жатып, мүрзөнүн тушуна келгенде машинасы өзүнөн-өзү ала салып, оодарылып кеткен имиш.

- Ой, анын көзүнө баягы биринчи күйөөсү Акылбек көрүнгөн имиш, ал сен мени менен кетесиң деп, болбой жетелеп кеткен имиш.

- Оо кудай ээй, ошондой де, арбагы тирүү экен бечаранын, ойгоо турганда көзүнө көрүнсө бечара бейиште турбайбы.

- Ошондой болот бекен, Акылбек бечара абдан момун бала эле.

- Оо кокуй, анын өлгөнү да сырдуу болбоду беле?

- Ошентип уктум эле, экөө аркы дүйнөдө чогуу болот экен да эми, - дешип эле шыбырашып-шыпшынышып жатып калды. Абсатар аябай таңгалды, "Байыган дейби, ал дагы иштин көзүн тапкан экен да, демек ажалы жеткен тура, көз көрсөтүп коюу керек", - деп элди ээрчип өкүрүп барды. Талкаланган машинасы ошол жакта калганын кеп кылып жатышты. Айыл эли бир кичинекей сөздү көбүртүп-жабыртып, көбөйтүп ийээри бышык го, учуртуп эле жатып калышты. Эл менен кошо келген Абсатар катуу ойлонду: "Сенин өлгөнүңдү эч ким билбей калат, өлтүрүп койом сени, апаңдын боздогонун ошол жактан көрүп ал", - дегенин эстеп баратты. "Бирөөнүн өлүмүн тилегенче өз өмүрүңдү тиле деп ырас айткан да илгеркилер, жаткан жери жайлуу болсун", - деп үйүнө келсе апасы жок экен.

- Апам кайда кетти? - деп Умсунайдан сурады.

- Бирөө өлүптүр дейби, ошого кетти.

- Аа-а, - деп коюп, уулунун кыял-жоругуна алаксып отуруп калды. Бул үй-бүлө азыр абдан ынтымактуу, Умсунай баягы эле калыбында, балдары менен мамыр-жумур болуп жашап жаткан кези.

Айжамалдын тагдыры мындайча болгон эле, апасын айылга кетиргенден кийин үч-төрт күн жалгыз калды. Анипа кеткен бойдон кечигип жатты, дүкөндөгүлөрүн сатып түгөтүү үчүн күнү кечке зериккенинен дүкөндө отуруп, соода жасачу болду. Ал дүкөнүнө эле товарды аябай толтуруп койгонун азыр көрдү. "Демек, Анипа чекесинен урунуп, акча топтоп алган экен, биротоло кеткен го", - деп ойлоп жүргөндө бир күнү Анипа кирип келди. Кубанычтуу жадырап алган:

- Оо-ой, эжекебайым, кандайсыз?

- Жакшы-жакшы, өзүң кайда жоголуп кеттиң?

- Айтпаңыз, мен ушундай бактылуу болуп турам, сурабаңыз, эжеке! - деп айланкөчөк болуп секирип Айжамалды кучактап калды. - Мен таята-таенемди таптым!

- Анан?

- Мен бардым да, эшигине катты таштап коюп, кайра артыма кете бермек болдум. Ошол кезде ал үйгө бирөө кирип бараткан, ал мени бир карап коюп кирип кетти. Мен кайра жүгүрүп барып карасам жерден катты алып үйгө кирип кетиптир. Мен ыйлап кетип жаткамын, бир кезде артыман бирөөнүн чакырганын угуп токтоп калдым, артыма бурулгандан корктум.

- Ай, кыз, токточу бери! - деди ал аялдын үнү. Мен кайрылсам бир келин жаныма келип калыптыр. - Сен таштадың беле бул катты? - деп менден сурады, мен башымды ийкедим, анткени көз жашыма муунуп тургам. - Жүрү, сени үйдөгүлөр чакырып жатат, - деди, мен аны ээрчип үйүнө кирдим.

- Кел, кызым, - деди бир аял мен кирээрим менен. - Атың ким?

- Анипа, - дедим көз жашымды аарчый.

- Отур бери, кана, сүйлөй кой.

- Эмнени сүйлөйм, болгонун жазгам…

- Ким менен жашайсың?

- Бир эже менен.

- Баккан энең…

- Ал өлүп калган, орус кемпирдин колунда чоңойдум, - деп мен токтоно албай ыйлай бердим, билесизби ал менин таенем экен, апама окшогон аял экен, - дегенин карап отура берди Айжамал, анын сөзүн бузгусу келген жок. - Анан мен сумкамдан сүрөттү алып чыгып көрсөттүм. - Бу Нина апам берген сүрөт, качандыр бир кезде апаңды издеп калсаң кереги тийет деген, - деп солуктап жатсам, ал аял мени бооруна кысып өөп:

- Садага болоюн десе, ыйлай бербе. Апаңдын жаңылыштыгы эмес, жигити өлүп калган экен, кийин мага айтып берген. Байкуш кызым ансыз дагы азап чегип жүрөт, сени издеп бир-эки жолу барган экен, кемпирдин өлгөнүн угуптур. Сени кайдадыр кетип калган деп коюптур үйдө жашагандар дебедиби.

- Анан эмне болду?

- Ошентип дароо эле апамды чакырышты, таятам андан да сонун киши экен, чекемден өөп, - Сен эми эч качан жалгыз эмессиң, кызым, өз үйүңдөй көр, сен эми биздин колдо болосуң дебедиби!

- Куттуктайм, кел эми, сенин кубанычыңды жууйлу, - деп Айжамал серванттан вино алып келди. Тамакты алдыга коюп, - Кел, Анипа, бүгүн сенин бул дүйнөгө жаңы жаралгандай бактылуу болуп турганыңа мен дагы кубанычтамын. Ушул кубанычың кут болуп, өмүр бою мээримдин кучагында балкып гана жүрө бер, сиңдим, ал тургай кызым десем да болот, сенин бүгүнкү кубанычыңа тең ортокмун!

- Рахмат, эжекебайым, рахмат сизге, - деп Айжамалды дагы өөп-өөп алды да, винону экөө кагыштыра алып ийди.

- Да-а, демек бардык нерсенин чеги боло-от, жалгыздык дагы акыры аягына чыгат, - деди ойлуу Айжамал.

- Эжекебай, сиз дагы жакында бактылуу болосуз.

- Анипа, айтчы дагы, андан ары эмне болду, сүйлөшүп отуралычы, сен жок абдан зериктим, - деди Айжамал чарчагандай түр менен винодон стакандарга куюп жатып.

- Мени коноктоп кой союшту, аңгыча апам келип калды, ал мени көрүп эле ыйлап кучактап калды. Артынан күйөөсү менен эки баласы келди, кубанганымдан көзүмдүн жашы таптакыр токтобой солуктай бердим. Анан баары чогулуп тегеректеп отурганда апам сөз баштады, күйөөсүнө айткан эмес экен…

- Ата, апа, бул менин жаңылыштыгым деп эсептебейм, жаштыгым болду, эгерде жаштык кылып, силерден тартынбаганда кызымды таштап, силер айткан Темирге чыгат белем…

- Кызым дейсиңби? - Темир элейе карап калды.

- Ооба, мен эми эч нерсени жашыра албайм…

- Кандайча, Айнаш?

- Ошондой, эми эмне десең ошо де, мен балдарым менен өз оокатымды өткөрөм, Анипа менин кызым…

- Кыз-зык - деген Темир туруп, эшикке чыгып кетти. Таятам дагы чыкты, биз ошол жерде отурдук, апам башынан өткөндөрүн башынан эстеп кирди…

Окууга барып өтпөй калган Айнакан кыздар менен бирге фабрикага иштемек болуп калып калат. Эптеп жумушка кирип иштей баштайт. Өздөрү менен чогуу иштеген Мыктар деген бала менен жылдызы жанып, экөө жолугушуп жүрөт. Мыктар Айнаканды катуу сүйгөн эле, ал өзү эч кимиси жок детдомдо өскөндүктөн кызга үйлөнүүдөн тартынат. Акыры бир күнү:

- Айнаш, мен сени сүйөм, сени мага ата-энең бербейт го? - деди кабагы салыңкы.

- Эмнеге, менин ата-энем деле адам да, түшүнүшөт алар, балдарынын бактысын кантип ойлобосун?

- Чынбы, Айнаш, мендей тексизди теңсинбей койобу деп корком да, сенден айрылып каламбы дейм, - деди бооруна кыса.

- Эч ким ажырата албайт бизди, мен сени сүйөм, а сен мени…

- Ооба, жаным, биз бири-бирибизди сүйөбүз, тек менин сени кубантып ак жоолук салып, тосуп алчу эч кимим жогуна өкүнөм.

- Эч нерсе эмес, мага сен өзүң болсоң болду, ошол гана жетишет, - деди Айнакан наздана. - Мен эч качан сенден ажырабайм деп сөз берем!

- Ырысым менин! - деп Мыктар арыкчырай кызды жерден так көтөрүп алып, тегеретип жатты. - Ырысым менин, бактым менин.

- Акырын, Мыктар, башым айланып кетти, түшүрчү мени! - Кыз кыткылыктап күлүп, бактыга тунуп турду. Эки жаштын дал ушул мүнөттөрү айтып бүткүс дастан, тил менен безегендей сүйүү ыры сыяктанды. Таң шоокумундай жаркыраган жарык асман менен жердин ортосунда каалгып учуп жүргөндөй, сезимдер бири-бирине от чачып, махабатка мас болуп турушту. Ошол күндүн эртеси да, андан кийин дагы Мыктар жумушка келбей калды. Айнакандын жан дүйнөсү жабыркап, кыздар менен сүйлөшпөй, тамашаны көтөрө албай чыртылдаган мүнөз күтүп, өзгөрүп кетти. Курбусу Анипа аны жалгыздатып, бакка ээрчитип чыкты да:

- Сен эмне болуп жүрөсүң, же жанагы аяксыз Мыктардын сөзүнө ишенип алып, өзүңдү-өзүң жок кылганы жүрөсүңбү? - деди.

- Анипа, мен сени түшүнбөй калдым, сен Мыктарды аяксыз дедиңби? - деди Айнакан аны тикирейе карап.

- Анан эмне, ал аяксызыңдын бул дүйнөдө эч кимиси жок, ага сени ата-энең баары бир бербейт, эгер сүйсө качып жоголмок беле?

- Жок, ал менден качпайт, бир нерсе болду, мен директорго киремин да, дарегин сурайм.

- Эсиң менен болчу, Айнаш, ал сенден атайын эле качты, - деп Анипа дагы өз билгенин койо бербеди. - Андан көрө аныңды унут, унчукпай жүрө берсең бай, акыл-эстүү жигит табылат.

- Кереги жок, мага Мыктардан өткөн жигиттин кереги жок, уктуңбу? - деп Айнакан ылдам басып жатаканага кетип калды. Анипа анын артынан келди, алар келсе бөлмөсүндө беш-алты кыздар-балдар чогулуп, бөлмөлөш кыздын туулган күнүн белгилеп жатышыптыр. Келээри менен алардан бөлүнө албай отуруп калышты. Акылайдын туулган күнүнө алып келген белегин берип, жигити сүйлөдү:

- Акылай, туулган күнүң менен, күнүм!

- Рахмат, - деп Акылай жылмайып койду.

- Оо, Керез, сен Акылайды ушунчалык сүйөөрүңдү билбеппиз.

- Булардын сүйүүсү Олжобай менен Кишимжандыкындай, - дешип тамашалап калышты.

- Мен Акылайды дүйнөдө болуп көрбөгөндөй сүйөм, өмүрүм өткүчө сүйүп өтүүгө сөз берем! - деди Керез колун көтөрө.

- Азамат, Керез!

- Жигитсиң!

- Акылай кошуу Керез! - дешип кол чаап жатышты.

- Баса, Айнакан, Мыктар көрүнбөйт да? - деди Акылай.

- Ой, аны билбейсиңерби? - деди Кадыр деген жигит. - Анын эски оорусу бар, бечара балдар үйүндө ооруп калыптыр, ошол өнөкөт ооруга айланып кетиптир.

- Эмнеси ооруйт экен? - деп жиберди Айнакан Кадырга суроолуу тигиле. - Кайда жашаганын билбейсиңерби?

- Ал өзү сырттан окуйт, анын жетимдигине карап, бир мугалими бир бөлмө үйгө убактылуу жайгаштырып койгон, ал ошондо турат.

- Каерде анысы? - Айнакан үнүн катуу чыгарып сурап ийгенин өзү дагы байкабай калды.

- Ой, сага эмне болду, мындай айтканда табалбайсың, дарегин жазып берем, жарым саатта жетесиң, - деп Кадыр кагазга жазып, колуна карматаары менен Айнакан тура жөнөдү.

- Айнакан, сен кайда?

- Айнаш! - дешип кала берди. Анипа анын артынан жүгүрдү. - Айнаш, токто!

- Өзүңдүн ишиң менен бол, Анипа, мен сага баарын айтып берем, - деп жүгүрүп барып, жолдо турган таксиге отуруп жөнөп кетти.

- Жинди, бул кыз соо эмес, - деп Анипа кала берди.

Айнакан колундагы даректи таксистке бере салды да:

- Тезирээк айдаңызчы, - деди.

- Жолдо эреже менен айдабасам, сенин берген сары чакаң эч нерсеге арзыбайт, чоң кыз.

- Кечиресиз, - деп унчукпай калды. Айнакан көп кабат үйдүн биринчи кабатындагы экинчи бөлмөгө келип такылдатты. Көптө барып анан:

- Ким? - деген Мыктардын үнү угулду.

- Мыктар, мен, ач эшикти.

- Аа-а, - деп ал көпкө күйшөлүп туруп, эшикти ачты. - Кел, Айнаш.

- Кандайсың, ооруп жатканыңды неге айтпадың? - Айнакан жигиттин мойнуна асылды. - Кебетең кантет, ооруканага барышың керек.

- Жок-жок, өзү калыбына келип калат, бул өнөкөт оору, Айнаш, - деп зорго сүйлөп отургучка отурду. Анын демигип жатканы кызга билинип турду, үй ичи чачкын, идиш-аягынын баары жуулбаган. Бойдок адамдын кайсы толгон буюму болмок эле, Айнакан арыдан-бери идиштерин жууп, үй ичин жыйнап, шыпырып тазалады да, тамак жасай турган бирдеме издеди, эчтекеси жок экен. Мыктарга айтпай эле чыгып кетип, дүкөндөн тамак-аш алып келди. Анан газды күйгүзүп, бат эле тамак жасап жиберди.

- Минтип жата бергениң болбойт, эртең сени өзүм ооруканага алып барам, - деди Айнакан.

- Кереги жок, Айнаш, мен көрүнгөмүн, дарыларды ичип жатам.

- Жаткырган жокпу?

- Жок, коркунуч деле жок, жакшы болуп калдым буйруса, - деп жылмайды Мыктар, бет сөөктөрү оркоюп абдан арыктап калган экен. Айнакан боору ооруп кетти. Экөө отуруп тамактанды.

- Сени мен таштап кетти деп коркподумбу?

- Айбан кыз десе, мен сени өлүп эле таштабасам эч качан таштабайм, бир мүнөт да жаныңдан чыккым келбейт, эгерде менин бир эле сүйүнүчүм болгондо атаңдын алдына өзүм бармакмын, болбосо айтпай ала качып алмакмын…

- Кел анда, өзүбүз эле үйлөнүп алабыз, - деди Айнакан ойдо жок жерден. Ал ошондо эртеңкисин ойлобостон оорулуу жигитинин көңүлүн улагысы келип, ошенткенин кийин ойлоп, далай жолу өкүнүп ыйлап да, эстеп да калчу.

- Эмне дедиң, Айнаш?

- Үйлөнүп албыз дейм, - деп күлүп койду кыз.

- Жок, андай болбойт, сенин жүзүңдү жер караткым келбейт, жаным. - Экөө жанаша отуруп кучакташып алышкан эле.

- Эмне болмок эле, биз бири-бирибизди сүйөбүз да?

- Албетте, бири-бирибизди сүйөбүз, бирок баары өз жолу менен болушу керек, - деди Мыктар. Ошол кезде ыкшып жөтөлүп калды, бир кезде Мыктардын мурду канап кетти, колу менен баскан бойдон ваннага кирип кетип, көптө келди.

- Эмне болду, токтоп калдыбы?

- Ооба, катуу жөтөлгөндүкү го, - деп кыздан көзүн ала качты. - Сен эми жатаканага бар, Айнаш. Эртең жумуштан кийин колуң бошосо келип кет, болбосо мен өзүм жумушка чыкканда жолугабыз.

- Мени эмнеге кубалайсың? - Айнакан тултуңдай таарына кетти. - Мен ушул жерде болом.

- Кой, Айнаш, кыздарың эмне деп ойлошот, андан көрө азыр бар, жумуштан кийин бир маал келип турсаң болот.

- Кетпейм!

- Айнакан! - дегенде Мыктардын мурдунан дагы кан атып кетти, ал колу менен басып, ваннаны көздөй жүгүрдү.

- Ушул абалыңды көрүп туруп, кантип кетем, тез жардам чакырыш керек, антпесе болбойт, - деп кыз чыйпылдап жатты. Мыктар көпкө суу менен жууп, кан токтогондо шалдырай чыгып келип, ордуна жатып калды. - Тез жардам чакырайын десем телефонуң иштебейт экен, көчөдөн чакырайынбы?

- Кереги жок, - деп алсыз ары карап жатып алды. Айнакан жанына отуруп, чекесин басып көрдү. - Этиңдин ысыгын карачы, дагы кереги жок дейт тура, ушунчалык дагы жанынан тойгон адам болот экен да, - деп марлини муздак сууга салып, чекесин басып кирди.

- Айнаш, сен бара койчу, садага, менин жалгыз болгум келет.

- Жарайт, сен мени таарынттың.

- Мейли, жазып алам.

- Кеттим, - деп Айнакан бөлмөдөн чыгып, көпкө коридордо турду да, тез-тез басып чыгып кетти. Жатаканага келип, көмкөрөсүнөн түшүп жатып алды, эч ким үндөгөн жок, жатып алып ыйлаган бойдон уктап калды. Эртеси эрте туруп жумушка чыгып, эрте кайтты. Мыктарга барса ал кечээгиден дурус болуп калган экен.

- Кел, Айнаш, кел, жаным, - деп жадырап тосуп алды, бирок анын кыйналганы жүзүнөн көрүнүп турду.

- Келдим, акыбалың кандай? - деди Айнакан суз.

- Жакшы элемин, мага таарынбачы, жаным. Бүгүн кет дебейм, бир аз дурусмун, анан дагы бүгүн менин туулган күнүм, жанымда бол ээ? - Ийинине колун арта секин жаагынан өөп койду. - Таарынбайсыңбы?

- Ырас элеби, бүгүн туулган күнүңбү?

- Ооба, так эмес, балдар үйүндөгүлөр жазып койгон күн, ата-энемдин ким экени белгисиз болсо туулган күнүмдү ким тактамак эле.

- Койчу эми, анда бир нерсе кылалы, - деди Айнакан Мыктарды бетинен өөп. - Куттуктайм, жаным! - деп күлүп койду.

- Ушул күн менин эң бактылуу күнүм, Айнаш, интернатта жүргөндө туулган күнүмдө воспитательдерим эркелетип өөп калчу эле. Алардан башка бир да адам маңдайымдан сылап койбоптур, ойлоп көрсөм, - деп Мыктар жылмайды.

- Сага кандай белек кылсам экен, сен туруп тур, мен дүкөнгө барып келе калайын, - деп кыз шашып калды эле, Мыктар аны жибербей койду.

- Сенин жанымда отурганың эле чоң белек, жаным.

- Койчу эми, сенин туулган күнүңдү белгилебесек болбойт.

- Айнаш, баары бар, убара болбо, даярдап койгомун.

- Мени келет деп ойлодуңбу?

- Албетте, сен мени таштабасыңды жакшы билем да.

- Алтыны, кой анда мен бирдеме жасайын.

- Мен жардам берем.

- Сен отур, - деп Айнакан болбой койду. Мыктар алып келип койгон этти туурап, тамак жасады. Ал вино алып келип койгон экен, экөө тамак менен винодон аздап ичип отурушту. Бир аздан кийин Айнакан кызып калды. Мыктар аны колтуктай керебетке алып барып жаткырып, өзү ордуна жатмак болуп бурула бергенде Айнакан анын колун кармап калды.

- Айнакан, сен уктаган жоксуңбу?

- Жаныма жатчы.

- Мен ордума эле жатайын…

- Жок, менин жаныма жатчы.

- Айнаш, сен эс ал, мен жатып турайын.

- Мени сүйбөйсүң ээ?

- Кантип эле, өзүмдүн жанымсың, - деп Мыктар эңкейип өөп алды да, бүткөн бою дүр дей түштү. Кыз илеби аны делбе кыла эндирей түштү. - Айнаш, эс алчы.

- Сен жаныма жатсаң эс алам.

- Уят го?

- Кыздардан бетер эмнеге уяласың?

- Айнаш, мени мазактаганыңбы?

- Ооба, сени сүйгөн кыз жанына чакырса келбейсиң…

- Макул анда, кана, батабызбы? - деп Мыктар аны ары түртө жанына жатып алды. Кыздын жүрөгү лакылдап чыкты, сүйүүгө да, виного да мас боло бойлошуп жаткан жигитти Айнакан өзү кармалап, сыйпалап кирди. - Мыктар, мен сендикмин, сеникимин, жаным, ар дайым жаныңда болсом дейм, сен мени кабыл аласыңбы?

- Жаным, ата-энең эмне дейт?

- Биз баары бир бирге болобуз да чынбы?

- Туура, бирок…

- Эмне бирок, сен башка бирөөнү сүйөсүңбү, Мыктар?

- Жок-жок, ата-энең мага бербей койсочу?

- Алардан кам санаба, бүгүнкү сенин туулган күнүңө өзүмдү тартуулагым келет. Бул менин сага деген сүйүүмдүн тазалыгын далилдегеним жана сенден башканы эч качан карабайм дегеним, Мыктар.

- Алтыным, асылым менин, сенин ушул акактай ак сүйүүңө эмне кылып жооп бере алам, менин болгон жашоом ушул, бир жүргөн селсаякка окшойм…

- Мага сенин дүнүйөң эмес өзүң керексиң, сени сүйөм, сен үчүн баарына даярмын, - деп жигиттин мойнуна асылды. Экөө заматта камырдай жуурулушуп төшөктө жатышты. Айнакан бул кылыгына өкүнгөн дагы жок, тек өз жүрөгүнүн падышасына эң ыйык нерсени тартуулап, сүйгөн жарын бактылуу кылдым деп кубанып турду. Мыктар көптөн кийин кызды бооруна кысып:

- Алтыным, өкүнгөн жоксуңбу? - деп сурады.

- Эч качан.

- Кокус үйлөнбөй калсакчы?

- Эмнеге, сенин оюң башкабы?

- Жо-ок, сен таптакыр башкача ойлоп жатасың…

- Анан эмнеге үйлөнбөй калат элек?

- Ким билет кандай болуп кетээрин.

- Сенин оюңда башка бирөө бар го?

- Андай ойду ойлобо, Айнаш, балким сен экөөбүз кошулбай калышыбыз мүмкүн, менин оорум катуу, качан жакшы болом белгисиз.

- Андан коркпо, мен атамдардан акча сурайм, өзүмдүн айлыгымды чогултуп, сени дарылатам, - деп кыз жигиттин чоло жерин калтырбай өпкүлөп жатты. - Эң башкысы сен жанымда болсоң болду.

- Жардам болоор бекен? - Мыктар ишенимсиз унчукпай калды. Айнакан анда адамды өлүм кайгыга салып, оору азап тарттыраарын кайдан билсин. Мыктарды өлүп калат деп ойлогон эмес, ал эми Мыктарды колкодон рак деп ооруканадан чыгарып коюшкан эле, убактылуу дары-дармек менен жашап жаткан.

- Эмнеге болбойт, баары жакшы болот, анан мен сени ата-энеме алып барамын, күйөөм деп айтам, - деп жылмайды Айнакан.

- Алтыным, сенин таптаза жан дүйнөңдүн ушул мээримине кандай гана жооп кайтара алаар экенмин.

- Сен болгону менин күйөөм болуп берсең жетет.

- Сенден айрылгым келбейт.

- Бизди эч ким бөлө албайт.

- Ошондой болсо кана-а? - деп байкуш жигит терең улутунуп алды.

Айнакан күндүзү жумушта болуп, кечкисин Мыктардын жанында, жан үрөп ысык тамак берип, кийимин жууп карап жатты. Он-он беш күндөй жакшы болуп калган, бир күнү келсе катуу жөткүрүп жатыптыр, үрпөйүп жанында отурду. Ошондон баштап Мыктардын ал-абалы өтө оорлоп бара жатты, күнү-түнү күрсүлдөп жөтөлүп, мурду түтөктөп канап кетчү болду. Канча ирет врачка алып бармак болсо дагы ал болбой койду. Айнакан анын тилин албай бир күнү врачты чакырып келди эле ал көрүп баш чайкады.

- Өтүшүп кеткен экен, бул дарыларды ичип тур…

- Ооруканага жаткырыш керек го? - деди Айнакан врачка.

- Жок, кызым, бир аз күн үйдөн дарыларды иче турсун, - деп кетип баратып, - Бул баланын оорусу айыкпас дарт экен, ооруканага жаткан менен көп узабайт, - дегенде Айнакан:

- Жо-ок! - деп бакырып жиберди, анан ичкери кирип, эшикти жаап туруп алып, ыйлап жатты. Мыктар баарын айттырбай билди, үндөбөй тиштенип, көзүн жумуп алды. "Эмне демекмин, өмүрүмдүн аягына чейин мени сүйгөн кыздын жанымда болгонуна шүгүр. Балким менин өлөөрүмдү билгенден кийин алыс качаар, каалаганын кылсын. Баары бир мен аны жүрөгүм менен сүйүп, ыраазы болуп баратам, ылайым бактылуу бол, Айнаш", - деп ойлоп жатканда Айнакан ыйлап-ыйлап сооронду. Көз жашын аарчып алып, көңүлдүү көрүнүүгө тырышып, жанына келип отуруп, колдорун кармалады.

- Врачты эмнеге чакырдың?

- Мен…

- Кереги жок болчу, Айнаш, мени төрөп, таштап кеткен кезде кыш убагы экен, ошондо катуу суук тийип калыптыр, - деп Мыктар онтоп ийди. - Аа-ай, ошондо өлбөгөнүмдү карабайсыңбы, кудайым жашаткысы келсе өзү билет тура, мынчалыкка бараарын билбепмин…

- Капаланбачы, баары жайында болот.

- Жубатуунун кереги жок, өзүм билип эле турам, Айнаш, сага эмне деп айтаарымды дагы билбейм, - дегенде Айнакан жүгүрүп ашканага чыгып, өксүп-өксүп ыйлады. Мыктардын бул кезде турууга дарманы калган эмес. Айнакан ошентип ага көрсөтпөй ыйлап, кайра жанына келип, ысык чай берип, карап жатты. Кийинчерээк ал чай да ичпей калды, кашык менен оозуна куюп жанынан чыкпайт. Оюна ал өлсө кошо өлүп калуу да келген, бирок анын жаш жүрөгү андай кадамга баралган жок. Ошентип экөө бир ай жашагандан кийин бир күнү:

- Мыктар, сени ооруканага алпаруу керек го? - деди көздөрү шишиген Айнакан ага бетин тийгизе.

- Жок, алтыным, андан көрө сен менин акыркы сөзүмдү аткарчы.

- Андай дебечи, Мыктар, мен сенден ажырабайм!

- Жок, биз баары бир биргебиз го, ушул үйдүн ээсине телефон чалып койчу, - деп онтолой зорго айтты. - Тигил жерде блокнот бар, ошондо телефон номери бар.

- Макул, азыр эле автоматтан чалып келем, - деп Айнакан көзүнөн жашын агыза эшикке чыкты. Автоматтан чалып кайра киргенде Мыктар ага колун жаңсай чакырды.

- Айнаш, кечир мени, сага бактысыздык алып келбейин, таптаза бойдон калсын дедим эле, - деп оор дем алып, деми чыкпай кыйналып жатып айтты. - Мени кечир, мен сага абдан ыраазымын, мендей бечарага таптаза сүйүүң менен бирге болуп көрбөгөндөй бакыт тартууладың, сага мен ыраазымын!

- Антпе, Мыктар, мен өз сүйүүм үчүн күрөшө алам.

- Аман бол, бак-ты-луу бо-ол, - деп сөзүнүн акыр жагын шыбырай үзүп-үзүп айтты да, шалак этип колдорун таштап ийди.

- Мыкта-ар! - деп Айнакан аны баса калып бакырып жиберди. Мыктардын ооз жагынан жагымсыз жыт чыгып, мурдун өрдөй берди, ошол кезде анын мурдунан да, оозунан да кара кочкул кан шүүшүндөп агып, өң алеттен кетип жансыз жаткан. Эшиктен үч-төрт адам кирип келип, кыздын ыйлап жатканын көрүп, делдейе туруп калышты… Ошентип Мыктарды алып кетишти…

- Апам ушуларды айтып бүткүчө ыйлай берипмин, - деди Анипа. - Андан кийин апам кайра жатаканада жашаптыр. Качан гана ичи билине баштаганда Анипа курбусу экөө батирге чыгышат, менин боюна болуп калганын билгенде айылга барып, апасына ачык эле айтып акча алып келип, дагы төрөгүчө жашайт. Мага эки ай болгондо ал азыркы Темирбекке таанышып калат да, үйлөнөбүз деп шаштырганда мени айтпай таштап кетиптир. Эже, карасаңыз, - Анипа ыйлап отуруп, оор дем ала улутунуп алды, - менин атам дагы кандай оор абалда ата-энесин билбей чоңоюп, арман менен өтүп кетиптир, балким ал дагы мен сыяктуу ата-энесин көргүсү келген чыгаар ээ? - Жаштуу көздөрүн Айжамалга кадады.

- Балким ошенткендир, садага.

- Атам ошондой бечара болуп, бул өмүрдөн өтүп кеткенин укканымда аябай жүрөгүм сыйрылды…

- Сен бактылуу кызсың, капаланба, алтыным, эми кандай кылайын деген оюң бар?

- Сиз менен коштошоюн деп келдим, анан батирдегилердин акчасын аламын да, айылга кетем.

- Оо, ошондой де, айылга кетесиңби?

- Ооба, алар мени өздөрү менен жаша деп чакырышты.

- Ылайым тилегиңе жет, эми бир жакшы жигитке жолуксаң болду, - деп Айжамал ордунан турду. - Дагы сүйлөп берчи…

- Дагы айтсам апам жөнүндө сөз түгөнбөйт болуш керек, Анипа деген курбусу мени он-он беш күндөй багып жүрүп, акыры ал дагы кетип калыптыр…

- Ал азыр бар бекен?

- Ооба, катышып турат экен.

- Жакшы экен. - Ушул ирет Айжамал өзүн өтө бактысыздай сезип кетти, жадагалса жакын курбу да күтпөгөнүнө өкүндү. - Качан жөнөйсүң анан?

- Сиз уруксат берсеңиз…

- Кантип мен сени кармайм, Анипа, бир кездегилерди эстен чыгарып кой, көп иштерди жасадык, бирок сени мен зордоп алып келген эмесмин, көңүлүмө жагып калдың, алып калдым…

- Ооба, эже, мени кыздар азгырды да.

- Мага нааразы эмессиңби?

- Жо-жок, эже, сизге ыраазылыктан башка айтаарым жок.

- Рахмат, эс алалы анда.

- Макул, жакшы жатып, жакшы түш көрүңүз.

- Эмне?! - Айжамал чочуп кетти, түш дегенден коркуп, төшөккө баш койгусу келбей эптеп эрмекке Анипаны сүйлөтүп отурбады беле. Жатып көзү илинсе эле Акылбек көрүнөт да: "Сен мени унутуп баратасың, экөбүз бирге болушубуз керек. Кечикпе, Айжамал, мага жалгыздык катуу тийди, жүрчү кетели", - деп босогодо турган болот. Үйүн сатууга берди эле кардар чыкпай туруп алды. - Эмне дедиң, Анипа? - Бурулуп кайра сурады.

- Жакшы түш көрүңүз дедим, эжеке.

- Аа-а, - деп коюп, бөлмөсүнө карай басты. "Менин ички дартым менен мунун иши канча, ойноок неме да, кантсе дагы жаш эмеспи, жакшы каалоо айтканы да", - деп диванга жата кетти. Ошол күнү түшүнө дагы кирди Акылбек. "Сен эмнеге эле качасың, ансыз дагы канча жыл таппай убараландым, эми сени таштабай калайын", - деп жатканда бакырып тура калды. Анткени ал өзүн көздөй кучак жайып келе жаткан эле. Ошол бойдон көзү илинбеди, эртең менен Анипаны үйүнө коюп, агасына барды. Турусбектер үйлүү болгондон бери ирдене баштаган, Айжамалды көргөндө агасы кубанып кетти.

- Кел, Айжамал, кел, карындашым.

- Кандай жатасыңар, аке?

- Баары жакшы.

- Үй алмашсак кантет, аке, мага бул жактан чыгып, товар сатканыма ылайыктуу болоор…

- Ой, ошо заңгыраган үйүңдү бересиңби?

- Ооба, биротоло берейин.

- Жарайт, карындашым, качан анан?

- Өзүңөр каалаган убакта, - деди Айжамал.

- Анда эртең эле барабыз.

- Жарайт, үй ичиндегилердин керектүүсүн алам, калганы силердики, - деди да, кайра үйүнө келип, үй ичине арча түтөтүп, нан бышырып, куран окутту. Ар бир бөлмөсүнө арчанын түтүнүн толтуруп, кайра гүлүн үйлөп чачты да, эс ала түштү. "Сен эми бул үйгө келбегин, Акылбек, мени менен гана алек бол, асылсаң мага асыл", - деп ойлоп, айылдагы дүкөндөргө сүйлөшүп, оозу ачылбаган дүкөн товарларын, тоңдургучу менен муздаткычтарын сатмак болду. Мындайда ого бетер арзан алгысы келгендер тез эле келип, дүң баада алып кетишти. Эки бөлмө толгон товары өзү эле бир топ болду.

- Эже, эмнеге саттыңыз? - деди Анипа.

- Эми тынч жашоо керек.

- Баары бир, өзүңүзгө керек болмок.

- Дагы бир жыл турса ун-шекер менен рожки, вермишелдер чирип кетпейби, арактар го тура берет. Суулар эскирет.

- Аныңыз туура, склад кылып койгонсуз да.

- Акча болсо алып келе берипмин да, кызык эмнеге ошенттим экен, камаз менен ташыгандар да, - деп күлүп койду.

- Билбейм, сизден баягы сатуучу аябай эле пайда көрдү болуш керек, сиз андан отчет да алчу эмессиз.

- Мейли, аш болсун, - деп койду. - Эртең мен жолго чыгам, бирок бир аз күтөсүң го дейм, башка бир машина алсам кантет?

- Өзүңүз билиңиз.

- Эртең Турдубек акемди алып, машина базарды байкап көрөйүнчү, - деген соң үй ичин жыйнаштырды. Диван-креслолоруна тийбеди, өзү жаткан спальныйды гана алмак болду оюнда. Агасына берген үйдө деле бардыгы өзүнүкү эмеспи. Айткандай эле бирөө шаштыргандай тезинен агасына үй алмаштырды да, өзү шаардагы эки бөлмө үйгө көчүп келди. Эртеси Турдубекке барды, экөө машина базарга барышты, доллар менен евро жарышып, элдин баары еврого өтө баштаганда бир топ долларды еврого айландырып койгон эле. "Өлгөнчө каалагандай жашайын, балким түштүн мойну кылдай дегендей баары өтүп кетээр", - деп өзүн сооротуп алат. Кыдырып жүрүп капкара "Ниссан" жипти жактырды, минип жүргөн эле унаа экен, негедир арзан сатып жатыптыр, балким ал саткан адамга акча анча деле маанилүү болбосо керек. Турдубек ары-бери айдап көрүп:

- Жарайт, айныбай ала берсең болот, - деди.

- Макул анда, - деп сатуучу менен сүйлөшүп, үч күндүн ичинде документтерин бүтүрмөк болуп кол алышты.

- Карындашым, сен жарайсың, эки агаңа эркектей огожо болуп бердиң, эми бактың ачылсын, - деп келе жатканда Турдубек кубана кубаттады.

- Болсо силерден аяймбы, аке, болбосо суранып жүрмөкмүн, - деп күлүп койду Айжамал.

- Туура, болсо бири-бирибизден аямак белек?

- Аман болсоңор болду, Турусбек акеме сизден көбүрөөк кылдым, сиз таарынган жоксузбу?

- Жо-ок ай, үй-жайы жок алты-жети жыл эчтеке кыла албай жүрүштү, үч баласы да чоңоюп калды, жолу улуу анын, туура эле болду.

- Эми биротоло документин бүтүрүп берип койсом болду.

- Ошент, карындашым, эми бир атамдарга чогуу бала-чака менен барып, быйыл атамдын сексен жылдыгын өткөрүп койсок болот эле.

- Сөзсүз өткөрүш керек.

- Чогуу сүйлөшөбүз, Гүлжамалды да айтабыз, - деп кетип жатты. Айжамал өзүнчө ойго батып: "Мен кокус өлүп калсам атамдын сексен жылдыгы эмес мага аш бересиңер го", - деп ойлонуп баратканда Турдубек:

- Айжамал, сен муну өзүң алып, Ниссанды мага бербейсиңби? - деди күлө.

- Макул, өзүңүзгө биротоло каттатып алыңыз.

- Оо-ой чын айтасыңбы, Айжамал?

- Чыным менен.

- Анда болду, карындашымдын доорунда бир айдап калайын, - деп кубанычтуу жылмайды.

Агасынын кубанычын көрүп Айжамал: "Бул дүйнөдө өзүм үчүн эч нерсе кыла албадым, жок дегенде бир балам болсо болбойт беле, эми бир туугандарымды кубантып өтөйүн. Мага ыраазы болсоңор эле болду, кудайым оң көзү менен карап койсо аман калаармын", - деген ойдо үйүнө жетти. Антип-минтип каттоо бүтүп, праваларын ордуна келтиргенче бир жумадай өтүп кетти, Анипа болсо майда-барат калган товарларын сатып бүтүрө алган жок. Ага Айжамал баарынан салып берип, машинага жүктөп, таятасынын үйүнө жеткирип берип, жылуу коштошкондон кийин үйүн көздөй жөнөдү. Жолгата ойлуу келе жатып, жуп өз айылына кире берээрде алды жагынан Акылбектин сөлөкөтү көрүндү. "Сен мени ээрчигениңди койбодуң, сени унутканым качан эле, эмнеге мага илээштиң?" - деп катуу айдап караандан өтүп кетти. Бир кезде көзүң жамандыкты көрбөсүн эмнегедир жүрөгү бир булкуп алганда артын карай берип, көргөн көзүнө ишенбей рулду башкарууга алы келбей, эсин жоготуп баратты. Акылбек жүгүрүп келип, артынан көтөрүп, машинаны түртүп жатты… Андан кийин эч нерсе билбей караңгылыкка сүңгүп кетти.

Кечке маал өтүп бараткан унаалар токтоп караса ичинде Айжамал өлүп жаткан экен, бириси аны тааный койду. Ошентип аны дагы өз жайына узатышты. Айылдын этегиндеги бозоргон топ мүрзөнүн четинде дагы бир дөбө пайда болду, ошентип Айжамал дагы бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ата-энеси кызынын өлгөнүнө ыйлап-сыктап кала беришти…

Асылай сыр кылып бир абысынына айтты, ал дагы бирөөнө айтып, Айжамалды Акылбектин арбагы эле алып кетиптир деген кеп дуулдап барып, токтоп калды…

Умсунай келгенден кийин дагы бир уул төрөп алган. Ата-энеси дагы айылга келип, бакубат өмүр сүрүп, улуу баласын үйлөнтүп, эл катары жашап калышты. Эки уулу тең соода менен алектенип, мал күтүп ортодон жогору болуп, эл оозуна алынды. Кээси аларга суктанып жатышты.

- Сагынбекти балдары эле оңдоп койду, үрүп чыгаар ити жок эле, эми жегени эт-май болуп калды.

- Ошону айтсаң, булардын балдары сооданын көзүн таап алыптыр ай.

- Капыра-ай, жанагы кызы кыйын болчу мунун, кичинесинде эле аябай тың болчу, ошол шаарга алып барып, атасын да дарылатып, зыңкыйтып адам кылып койбодубу.

- Ооба-ооба, ушул мектепти бүткөндө Умсунайды эле келин кылып алалы десем, жанагы ары жок эрим дегеле болбойт, өзү да кирешелүү кыз болчу, ошондо бир ырыскы бар.

- Болсо болгондур, өзү дагы болпоюп жоош-момун кыз эмес беле, күйөөсү дагы жакшы чыкты окшойт бечаранын.

- Ой, ажырашып жүрүп, жакында эле кайра табышыптыр, ал ушу ата-энесин бутуна тургузмак болуп, шаарга кетип калганда күйөөсү аял алып алып, анан бат эле ажырашып кетип, кайра жарашыптыр…

- Болсо болгондур, турмуштун оош кыйышы көзгө көрүнбөгөнү менен адамды отко салып, сууга агызып, ысыкка күйгүзүп, суукка тоңдуруп, акыры бышырып бүтүрөт тура.

- Айланайын жараткан десең, тирүү пенденин баарынын тагдыры Алланын колунда турбайбы, кандай кылып кыйнайм десе өзү билет экен да. Кой, кокуй, ишимдин баары калды, барайын, - деди улгайган аял.

- Өлбөгөн адамдын дегеле иши бүтчү беле, ботом, бирин бүтсөң экинчиси башталат, андан көрө кээде мээ сергитип албаса өлүп калбайбы киши, бүтөт да иш деген, - деди ушакты улап, эл ичинде узун кулак аталган Сабира.

- Анан эмне кылайын, өлгөнчө тыңыраак жашайлы деген ой да, аралашып отурса отура берет экен кээ бирөө. Тиги Сансыздын аялы дегеле үй жыйнайын деген ою жок, жүдөгөн неме, качан барсаң олчоюп отуруп алып, жанагы сары чийкилин жумшап жатканын көрөсүң, - деп күлүп калды. - Мен дегеле бирөөнүн жасаган ишине тойбойм, өзүм жасамайын такыр ичим чыкпайт.

- Сен өзүң таза катынсың да, үй ичинен эмес эшигиңдин алдынан кыл көрчү эмес элек, анан шыбырашып калаар элек.

- Тоб-бо десең, бул эмне уктабай эле кырынып чыгабы деп таңгалаар элек.

- Ой мейли эми, өзүм жөн отурганды жактырбайм да, кой кеткиле эми, тарайлыбы ай, Сагынбектин үй-бүлөсүн да кулак ысыта ушактадык, үй-үйгө тарайлы.

- Кой эми, эртеңки чогулушка чейин, - деп тамашалаша үйлөрүнө жөнөштү.

Буларды карап, ички короосунда жүргөн Үмүтай: "Кагылайын жараткан, дегеле адам баласына кеңчилик бергенсиң да, болбосо бирөөнүн эле кыйшыгын көрүп турган адамдарды кантесиң. Жаман болсо да ушакташат, эл катары жашасаң дагы көрө албайт, деги бу пендеңе эмне гана жетпейт", - деп башын чайкай үйүнө кирди. Эң кичүү кызы Сагынай дагы бой жетип калды. Сагынбек чарбачыл болуп чыга келди, баягыдай достору менен ичип кетчү жоругу жок. Умсунай кээ-кээде келип-кетип турат. Алтынчач таятасыныкына келип турчу, ал талтөөндөй болуп, бой жетип калган. Он алтыга чыккан, керилген сулуу кыз болгон. Сагынбектин коңшусунун эң кенже баласы аны жакшы көрүп калды, экөө таанышып, телефон алышышты. Бул убакта бир үйдө такыр жок дегенде экиден телефон көтөрүп калганда Абсатар кызына атайын алып келип берген эле. Өзү ушул кызын жакшы көрөт, балдары катарынан бой жетип, Абсатар дагы кадырлуу адам болуп келе жатат. Акмат Алтынчачка такай түнкүсүн чалып, экөө көпкө сүйлөшөт, кат жазышат, бара-бара мамилелери сүйүүгө айланып баратты. Бир жолу дагы түндөсү чалды Акмат:

- Алтынчач, уктап жатасыңбы? - деди телефондон.

- Жок, уктай элекмин.

- Менин чалышымды күттүңбү?

- Ооба…

- Бүгүн эмне иш кылдың, Алтынчач?

- Үйдө, чоң энеме жардам бердим.

- Кандай жумуш?

- Мага сеп жасап жатат. - Кыз кыткылыктап күлүп койду.

- Сеп? Ал эмне?

- Мен күйөөгө тийсем бере турган оокат.

- Сен эртелеп эле камынып жаткансың го?

- Мен эмес, үйдөгүлөр камдап жатат.

- Неге?

- Даяр болсо жакшы болот дейт.

- Кудалап койгон жериң барбы?

- Атамдын кулагына айткандар бар имиш.

- Эмне атаң берсе эле кете бересиңби?

- Күйөө жакса…

- Алтынчач.. .

- Ийи?

- Сага бир сөз айтайын дегем.

- Айта бер.

- Ой, кыз, ким менен сүйлөшүп жатасың? - деп ошол кезде Умсунай бөлмөгө башбакты эле Алтынчач телефонду өчүрүп, уктамыш болуп калды. - Түнү бою эле сүйлөшүп чыгасың, эмне акчасы көп неме бекен ыя, калп уктамыш болуп калганын.

- Апа, эмне уйкумду бузасыз? - деп уйкусураган болду.

- Укта, телефонду өчүр дагы укта.

- Макул, апа, мишайт этпечи ээ?

- Дагы эмне кылайын, тобо-о, азыркы балдарды кантесиң, - деп чыгып кетти. Алтынчач өтө ойсоңдогон кыз болду, ошондуктан Умсунай чочулап турат. "Бир жумадан кийин мектепти бүтсө окууга жөнөтүп ийбесек айылдын балдары ала качып, жашында үй күтүп жүдөп болуп калат, андан көрө окуп-чокуп алганы жакшы", - деп ойлоду.

- Эмне деп эле жатасың? - деди Абсатар.

- Күнү-түнү эле бежиреп телефон менен сүйлөшөт, жатып укта дедим.

- Эми сүйлөшсө сүйлөшөт да, жаштар азыр өз мезгилинде буйруганын көрө берсин. Илгери биз сүйлөшкөнгө эчтеке таппай балдарды ортомчу кылып кат жөнөтүп алып, жолун карап жообун күтө берип, жаман болчу элек. Кызымдын өз доору ошол болсо көрө берсин.

- Сен антсең чектен чыгып кетпейби?

- Кызым эстүү, чеги менен жүрөт.

- Апам дагы болушат, сен дагы…

- Болушкан жокмун, эркин өссүн дегеним да, эми Карачач чоңойот, кемпир, ал деле сербейип чоңоюп калбадыбы?

- Ал Алтынчачка караганда бош, бир мүнөздүү.

- Сени тарткан го?

- Жаман бекен мени тартса?

- Жок, кемпир, сени жаман деп өлө албай жүрүптүрмүнбү? - деп Абсатар күлүп калды.

- Оо-ой, Алтынчач сени айныбай тарткан, апам болбосо бул кыздар сени көрбөй өсмөк, апама рахмат, - деп Умсунай дагы күлүп калды. - Сени кудай билет, балаңды тааныбай калмаксың.

- Анын бетин ары кылсын, эми эки уулумду көзүмө басып отурбайынбы, Айдарым дагы телефон деп шыбырап жүрөт, Жайдарбегим али ойноок, - деп Абсатар кубана сүйлөп жатты. - Сага ыраазымын, байбиче, карлыгачтай кыздарды, тоо бүркүтүндөй уулдарды таап берген.

- Кудайга айт, кудай ыраазы болсун, эми ушуларды ата-эне милдетин аткарып, эл катары өз-өз жайына кондуруп койсок, көңүл тынып калат эле…

- Буйруса, байбиче, апам экөөңөр турганда менин эмне камым бар, - деп отуруп өзүнчө ойго батты. Умсунай кайненесине орун салып бергени чыккан.

- Айла-анайын десе, Алтынчач жаттыбы, Карачач эмне жатпай жүрөт?

- Балдар дагы жата элек, апа, төшөгүн салып койсом жатат да, уйкулары келбей жатса керек.

- Ийи, мейли, садагалар, ойносо ойной берсин, - деди Суусаркан жамбаштай, ал быйыл бир аз шалкы бош, карылыкка баш ийгендей. - Ийе, Умсун.

- Ийи, апа?

- Алтынчач уктадыбы?

- Ооба, жатып алган.

- Ийи каралдым десе, - деп койду да көзүн жума жатып калды.

"Ээк кудай айланайын, ушунуңа шүгүр, жалгызымдын очор-бачар болгонун көрдүм, Айнурум дагы бактылуу болду. Пендем десең эми күн жылууда, токчулук убакта оорутпай-сыркатпай алып кете гөр, келин-кесек, уул-кызга кадыр-баркым барында кете берейин", - деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Алтынчач эми уктайын дегенде телефонуна кат түштү, шашып башын көтөрө телефонду карап көрсө Акмат: "Алтынчач, мен сени сүйөм" деп жазыптыр. Кыздын жүрөгү дүк-дүк этип, чалкасынын жатып алып, жылмая Акматты элестетип жатканда дагы кат түштү: "Алтынчач, мен сени эч кимге ыраа көрбөйм", "Сен мектепти бүтөөрүң менен сага үйлөнөм", "Таарындыңбы, Алтынчач, мен түз айтканды жакшы көрөм", "Эртең жолукпайлыбы" деп жаза берди. Улам кайталап келген каттарды окуган кыз ордунан туруп терезеге келди, сыртта ай жапжарык болуп туруптур, асманда жылт-жылт эткен жылдыздар. "Биз тээтиги кош жылдыздай болсок ээ, биринчи жолу сүйүү катын алдым, өзүм жактырган жигиттен, биз бактылуу болобуз, атам каршы болбойт", - деп ойлоп, ушул учурда мектепти тез эле бүтүп кеткиси келип кетти. Балалык оюнда бул турмуштун оор-жеңили, ачуу-таттуусу болоору али ага табышмак эле. Түнгө карап көпкө турду да, парданы жаап коюп, ордуна жатып, кайра жооп жазмак болду. "Акмат, сүйүүгө жеңил караба, балким сен жөн гана сынап жаткандырсың. Мен сенин көздөрүңдөн гана билем сүйүүнүн учкундарын, чыныгы сүйүү катка жазылбайт, сөз менен айтууга болбойт, сезимди башкарууга мүмкүн эмес. Мезгил көрсөтөөр, азыр ашыкпа, биз али жашпыз, балким өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн, жакшы жат", - деп кат жөнөтүп коюп, телефонду өчүргөндөн кийин дагы көпкө уктай албай жата берди.

Убакыт сааттын жебесиндей тынымсыз жылып, бат эле Алтынчачтын мектепти бүтөөр убактысы келип жетти. Акыркы коңгуроого чогулган жаш өспүрүмдөр жазгы ачылган кооз гүлдөй жайнап, мектептин алды опур-топур. Кыздар кызгалдактай кулпуруп, заманга жараша алынын келишинче кымбат кийимдерди кийген. Жигиттери аппак көйнөк, галстук менен кара күрмө, кара шым. Көпөлөктөй кичинекей кызды чачына барпыраган бантик тагып, ортого Алтынчач жетелеп чыкты. Окуучулар менен ата-энелердин артында жасана кийинген, чачты гелдеп оң жагына тарап, колуна роза гүлүнүн беш даанасын көтөрүп алган Акмат турат. Ал акмалап улам ортого мойнун созо коңгуроо каккан кызды жетелеп бараткан Алтынчачтан көзүн албайт. Бул күнү аны бир гана Акмат эмес дагы бир жигит күтүп жаткан. Ал Санжар, Абсатардын досунун баласы. Көптөн бери ата-энесине кулак какты кылып, айтып жүргөндүктөн бүгүн тартынбай эле Умсунай менен Абсатардын жанында. Өзүнүн ата-энеси Бекбол менен Айсалкын дагы мында келишкен. Бери жакта үч-төрт кыз сүйлөшүп турушат.

- Кыздар, Алтынчач кечеге келбей калабы? - деди бири.

- Эмнеге?

- Ой, аны бүгүн ата-энеси кечеге жибербей ала кетет экен.

- Эмне үчүн антет?

- Билбейм.

- Санжарга кудалап койгон имиш го?

- Койчу, чын элеби?

- Ооба, аталары өз ара сүйлөшүп коюптур.

- Өзү Санжарды жакшы көрөбү анан?

- Ким билет, жүргүлө тигинде Санжар турат, карап турабыз.

- Келиптирби?

- Ооба, гүл кармап турат, жүрү кантээр экен? - дешип жөөлөп элдин арасына кирип барса, Алтынчачты куттуктап жатыптыр.

- Көрбөй калбадыкпы, ана Санжар.

- Красавчик го ыя?

- Иши кылса экөө "идеальная пара".

- Койсоңчу, Алтынчач мага жакпайт, - деп бири жактырбай ары карай басып кетти.

Алтынчач эки бети кыпкызыл болуп албыра ата-энесинин курчоосунда туруп, элдин арасынан көзү кимдир бирөөнү издеп жатты. Акмат карап туруп эми гүлүн бергени баратып, Санжар кызга гүл карматып бетинен өпкөндө тык токтоп калган. Колундагы гүлү жерге түшкөн бойдон делдейип турганда жанына классташынын карындашы келе калып:

- Акмат аке, сиз кимге келдиңиз эле? - деп сурады. Ошондо гана эсине келгендей жерде, тебелендиде жаткан гүлүнө ичи сыйрыла: "Бул жакшы жышаан эмес", - деп күңгүрөнүп алды өзүнчө. - Сизге эмне болду? - деп тиги кыз такылдаганда:

- Жөн эле, - деп басып кетти. Эмне кылаарын билбей кетип жатканда телефонуна кат түштү, караса Алтынчач: "Неге келбедиң?" - деп жазыптыр. "Сенин жигитиңдин бар экенин билбепмин, кечир", - деп кайра жооп жазды. "Акмат, ал деген аяш атамдын баласы, мындайың болбойт". "Эмнеге сенин эки бетиңден өбөт?" - деп таарынып, жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп: "Осолдук кылдымбы, кызганычтын чеги болуш керек го, эмнеге аныгын билбей туруп баса бердим, мен чыдамсыздык кылган экенмин" - деп ойлоп, кайра чалды эле кыз телефонун албай койду. Алтынчач атасына жини келип үйүнө келгенден кийин:

- Ата, эмнеге менин оюмду билбей туруп, башкага сөз бересиң? - деди тултуңдай. - Мага Санжар жакпайт.

- Кызым, Санжардын эмнеси жакпайт?

- Жакпайт, өз мамилеңерди кыла бергиле, бирок менин тагдырыма киришпегиле.

- Эмне дегениң, ой кыз, атасына ошондой дейт бекен? - Умсунай кызына ачууланып калды. - Уят эмеспи?

- Анан эмне дешим керек, апа, унчукпай койсо дөдөй немече жетелетип ийе тургансыңар, мен окууга барам.

- Садага болоюн десе, - Суусаркан Алтынчачты өзүнө чакырды, - кел менин жаныма.

- Чоң эне, ушунусу туурабы? Мен мектептин босогосун жаңы гана аттап чыкканы жатам, алдыда экзамендерим бар, а булар мени күйөөгө бергенге шашат.

- Садагаң кетейин, сен бой жеттиң, атаңдар сени бактылуу болсун деп ойлошот, окуйм десең окуп да ал.

- Чоң эне, түшүнсөң мени, классташтарым мени башкача карап жатышат, шылдың болдум, - деп ыйлап жиберди. Анын ызасы ушунчалык эле, Акматтын сөзүнө бук болуп ыйлады. Чынында ал кыздардан андай деле сөз уккан эмес, жигитине жолукпай калганга ыза болду.

- Эчтеке дебейт, кыздар сенин жаныңда сомодой созулган жигиттин жүргөнүнө ичи күйүп жаткандыр, бул сендей кезде боло берчү нерсе, кызым. Мен картайдым, небере күйөө баламды, анан чүрпө көрсөм дегенде эки көзүм төрт, - деп эне сырдуу жылмайып, небересин эркелетип чачынан жыттап койду.

- Чоң эне, мен даярданышым керек, классташтарым күтүп калат, бүгүн кечеге бармакпыз.

- Бара гой, көлөкөм, теңтуштарың менен болгонуң жакшы, жаштык деген жаздын кулпурган назик гүлүндөй болот, кызым. Эгер аны аздектеп алган адам болсо кадимкидей табында сакталат, жок, гүл кадырын билбегенге жолукса, гүл бечара мезгилинен мурда соолугандай кыз бечарага да кыйын болот, кызым. Ошол үчүн өзүңдүн жаштыгыңды татыктуу өткөрө бер, айланайын, ата-энеңдин доорунда бактылуу балалыктын күнүн көрө бер, садага.

- Чоң эне-е, алтын чоң энем менин, сиз гана түшүнөсүз го мени, - деп Алтынчач энени эки бетинен өөп коюп, өз бөлмөсүнө кирди. Чачын түйүп, көкүлүн тармалдатып, эки күн мурун шаардан Айнур салып ийген көйнөктү кийди. Күзгүгө кайра-кайра көрүнүп, саатын карап жатканда телефону чырылдаганынан караса, Акмат экен. Өчүрүп коюп, көпкө отуруп калды, анан бутуна туфлисин кийди да, үйдөн чыкты. Эшиктин алдында турган Абсатар кызын көрүп:

- Ой менин кызым периштедей болуп кеткен го? - деп басып келип маңдайынан өөп, - бактылуу бол, кызым, - деп бир саамга бооруна кысып, анан койо берди.

- Көзүң тийет, тү-ү-тү-тү де! - деди Суусаркан чыгып келе жатып.

- Түү-ү-түү-ү, апам кызык, кантип эле өзүмдүн кызыма көзүм тийип кетсин, апа, күлкүнү келтиресиң да? - деп каткырды Абсатар.

- Азыр бул кыз ошондой куракта, бой жеткен кыз ар кимдин көз алдында, анан дагы Алтынчачым башкача кыз, - деп эне мээримдүү жылмайып, небересин чекесинен өптү. - Кудай ак жолуңду ачып, ар балээден сактасын!

- Айтканыңыз келсин, чоң эне.

- Жолуң болсун, кызым, эртерээк кел, садагам, - деп Умсунай дагы кызын өөп, эшикке чейин узатып койду.

- Мени аскерге жөнөткөндөй болдуңар да, - деп кыткылыктай күлгөн Алтынчач шашыла жөнөп кетти. Ал келгенде классташтары чогулуп калышкан экен, Алтынчачты көрүп баары таңгалып калышты. Кээ балдар ага суктана карап, сүйлөшүп турганда кыздардын арасынан көрө албагандары өздөрүнчө сүйлөшүп калды:

- Жигити кантип койо берди экен?

- Кызыксың, жөн эле кызгана бермек беле, сүйүү болбосо муну эмне кылмак эле, өзү көтөрүлгөндү жакшы көрөт го?

- Ооба, башканы өзүнө теңебеген мүнөзү менен кимге жакмак.

- Кыздар, - деди алардын сөзүн угуп калган Нурсултан деген бала, - аяк-биягы бир ай калды, ар кимибиз ар жакка чилдей тарайбыз, он жыл бирге окуган классташ курбуңар менен жакшы маанайда коштошконуңар оң болоор?

- Аа-а, биз жөн эле сүйлөшүп жатабыз, - деп кызаңдай беркилер басып кетишти.

Шаңдуу кече уланып, жаштар бийге түшүп жатты. Көп жыл парталаш болгон Нурсултан Алтынчачты бийге чакырып, экөө жагымдуу музыканын ыргагына шайкеш тегеренип бийлеп жатканда бир топ кыздар кызганып, кээси суктанып карап турушту. Кече аяктагандан кийин бир үйгө отурушмак, сыртка жапырт чыкканда алардын чыгышын күтүп турган Акмат Алтынчачтын кетээр жагын акмалап калды. Бир кезде жөн гана сүйлөшүп, күлүп келе жаткандардын арасынан ашыгынын үнүн тааный коюп, Акмат алды жактан чыкты.

- Бүтүрүү кечеңер менен куттуктайм! - деди эле жанындагы Нурсултан:

- Сиз кимсиз? - деди караңгыда ким экенин тааныбай бүшүркөй карап.

- Алтынчач, кеттикпи? - деди ага жооп бербей эле Акмат.

- Бул кетпейт, өзүбүздүн кечебиз бүтө элек.

- Нурсултан, кечирип кой, мен үйгө кайтышым керек, үйдөгүлөр эрте кел дешкен эле, - деди Алтынчач. - Эрте кеткеним үчүн кечирип койгула, кечени көңүлдүү уланткыла, - деп ал Акматты көздөй басканда Нурсултан:

- Алтынчач, мен деле жеткирип койом, - деди топтон суурула.

- Кечир, Нурсултан!

- Ай мейличи, сен болбогондо алдагыны ийлеп салмакмын, - деди да, ары карай басып кетти.

- Кандайсың, Алтынчач, кечир, жана туура эмес түшүнүп алыпмын.

- Эчтеке эмес, боло берет, бирок мындан кийин абайла.

- Жарайт, экинчи кызганбайм. - Экөө тең күлүп калышты.

Түн жарымында кол кармашкан эки жаш бактылуу болуп кетип баратышты.

- Алтынчач, сен окууга барам деп жаттың беле?

- Ооба.

- Анда мен дагы бара турган болдум, атамдар окуп ал, үйлөнгөн эч жакка качпайт, билим алганың дурус дешти.

- Туура айтат, окушуң керек.

- Сен кайсыга тапшырасың?

- Улуттук Университетке, азырынча факультетин тандай элекмин.

- Мен дагы ошого тапшырам, экөөбүз чогуу окуп, чогуу бүтөбүз, - дешип, келечектен үмүт тилеп келатышты.

Ушул учурда короодо малын жайгарып жүргөн Абсатар келаткан эки жаштын сөздөрүн капысынан кулагы чалып, бир кездеги өзү бала дебей чанып жүргөн кызынын кулпуруп бой жеткенине жетине албай, ошондогу аялы, эки кызына көрсөткөн кордуктарын эстеп уялып турду...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз