Айгүл ШАРШЕН


"Сезимдер карыбайт"


- Аттиң, - деп алды Кумарбү, - өмүр чиркин күүгүмдөп баратат ээ, жашоом өтө жакшырып кетпесе да эл катары жашадым, бир гана өкүнүчүм…

- Апа, үйгө кирип, тамак ичиңиз, - деген Аселкандын үнү аны селт эттирди.

- Кирем, балам, иче бергиле, - деди Кумарбү. Ойлору албууттанган дайра сымал алда кайда кетип, негедир бүгүн бала кездеги сүйгөнү көз алдына тартыла улам-улам эсине түшүп туруп алды. "Балдар күтүп калышты го, менсиз тамак ичишпейт", - деп жанатан бери чырмаган ой-санаасынан суурулуп чыга үйгө кирди.

- Чоң апам келди.

- Чоң апа, кайда бардың? - дешип эки небереси сырттан кирип орун алган Кумарбүнүн этегине жармашышты.

- Эч жакка барганым жок, кагылайындар, эшикте эле жүрдүм.

- Апа, сен бүгүн ойлонуп калыптырсың да, башка балдарыңа баргың келип жатабы? - деди уулу Уланбек.

- Барып келсем жакшы болот эле, бул жамандарды ким карайт?

- Бир жумадай кыдырып келиңиз, апа, мен үйдө болом, Улан иштей турсун, үйдөгү көп иштерди жасап алайын, - деди Аселкан жаркылдай.

- Анда мейли, эртең барып келейин, - деп Кумарбү алдындагы ашка колун сунду.

Турмуштун соккусу Кумарбүнү жакшы эле аркы-терки калчап, ысык-суугуна кактады. Турмушта көп азапка туруштук берип, жеңилбей жеңе билсе жашоо эртеби-кечпи өз жемишин берээри бышык эмеспи. Анын сыңары Кумарбү ийилбеди, ноюбады өзүнүн көтөрүмдүүлүгү менен балдарын бойго жеткирип, өтө кыйын болбосо дагы өз-өзүнчө түтүн булатып койду. Үч уул, бир кызы бар.

Эми өз ордуна жатып алып, өткөн балалыгы жөнүндө ойлоду…

Кумарбү көп балалуу үй-бөлөдө чоңойгону менен баары ынтымактуу турушчу, эң улуусу эле Кумарбү, андан кийинкилери жаш. Атасы Сарыбай, апасы Уларкан, алар учурунда жай гана турмуш өткөргөн адамдар эле. Уларкандын ата-энеси жок, жалгыз сиңдиси Чынаркан оорудан каза болгондон кийин анын эркек баласын өз балдарына кошуп багып алган, атасы бага албайм деп, кээ-кээде келип-кетип турчу. Өмүрбек кичинесинен эле тентегирээк болуп өсүп келе жатты, Кумарбүдөн бир жаш кичүү. Бир күнү экөө эшикте жүрүп, уруша кетишти.


- Сен эмнеге менин дептеримди уурдап аласың, сурабайт белең? - деп жини келген Кумарбү аны жонго бир муштады.

- Сурабаса эмне болмок эле?

- Сурашың керек болчу, эгер дагы ушинтсең көрөсүң бирди, - деп дагы бир муштады.

- Эмне чабасың? - Өмүрбек Кумарбүнү түртүп ийди.

- Сени тарбиялаш керек, болбосо жанда жок тентек болуп кеттиң!

- Сен тарбиялайт белең мени, оозуңду жаап калчы!

- Ата-энең болбосо биз тарбиялайбыз да, апамды болсо укпай баратасың, анан кимди угасың ыя? - деп Кумарбү аны карысынан чымчып алды. - Көзүңдү ачып жүр!

- Эй, эмне чымчыйчың, таежеме айтам, - деп Өмүрбек бир койду. Алардын чукулдашып кирип келе жатканын уккан Уларкан сыртка чыга калды:

- Эмне болуп кетти?

- Мени ата-энеси жок жетимсиң деп жатат, - деп Өмүрбек бырылдап ыйлай мурдун жанып алды.

- Жинди болдуңбу? - Уларкан кызын жекире карап, жемелеп кирди. - Экинчи антпей жүргүн.

- Өзү эмнеге менин дептеримди уурдап алат, желмогуз, бейбаш!

- Бас үнүңдү, экинчи ушуну жетим деп көр, тилиңди жулуп алам, жетим эмес, атасы келип жүрбөйбү?

- Ошол багып коюптурбу, биз багып жаткандан кийин ээнбаштык кылбай жүрбөйбү, атам экөөңөрдү болсо угуп да койбойт.

- Сен эмне болуп калгансың, акылыңдан аздыңбы ыя, Өмүрбекти Узактан кем көрбөгүн, - деген Уларкан кызын бир муштап, Өмүрбекти үйгө жетелеп кирип кетти. Кумарбү тултуңдап алардын артынан кирди.

- Өз балаңардан дагы ашык көрүп бакканыңарды баалайт бекен көрөм, эмитен тил албайт, мектепте ээнбаштык кылат, мугалимдеринен бир күнү угаарсыңар.

- Сен эмне болуп калгансың, Өмүрбекти жоготоюнбу эми?

- Өзүңөр билгилечи! - деп коюп Кумарбү ичкери кирип кетти.

- Садага болоюн десе, бейбаштык кылбай жүрбөйсүңбү, апаңдын арбагы үчүн сен адам болушуң керек, жакшы адам болгун, - деп Уларкан жашын аарчып, өз ишине киришти. Кумарбү төртүнчү класс, Өмүрбек үчүнчүдө окуйт. Эртең менен Кумарбү сабакка кеткенде Өмүрбек анын карандаштарын алып, дептерлерин барагынан айрып, самолет жасап кескилеп ойной берчү, эми андайын коюп калды. Ошентип балалыктын тааттуу да, ачуу да күндөрү акырындык менен өтүп эсейе башташты. Өмүрбек сегизинчи, Кумарбү тогузга окуп калганда Уларкан катуу ооруп калды. Ал ооруканага жаткандан бери Кумарбү инилерин өзү карап, атасынын таап келгенин үнөмдөп, кадимкидей бир үйдү өзү тейлеп калган. Өмүрбек өтө ээнбаш, күндөп-түндөп үйгө жолобой жүрүп, мектепти бүткөн жылы уурулук кыла коюп соттолуп кетти. Анда мыйзамдын күчтүү убагы, эки жылдан кийин жазасын өтөп, бошонуп келди. Бул убакта атасы Тейитбек көп ичип, үй-бүлөсүнөн да айрылып, жалгыз жашап калган. Ошондуктан Өмүрбек кайра эле Сарыбайдын үйүнө келген. Уларкан төшөк тартып жатат. Кумарбү же окуудан жок, үйдө. Өзүнөн кийинки иниси да чоңоюп, эң кичүүсү биринчи класска окуп калган. Төрт иниси, бир сиңдиси бар. Тумарбү чоңойгондон бери эжесине жардам бергенге жарап калды. Сарыбайдын таап келгени бой жеткен балдардын ичкен-жегенине менен кийимине, же Уларкандын дары-дармегине жетпей абдан каржалып баратты. Акыры ал совхоздун директоруна кирип, иш сурады. Кароолчулукка орношуп, жөлөкпул алып, бир аз оңоло түшүштү. Өмүрбек дале үйгө токтобойт, ал абдан келишимдүү, узун бойлуу, кер мурут жигит болгон. Кийинки кездери Кумарбү ага кантип имериле түшкөнүн өзү дагы байкабай калды. Өмүрбек үйдө болгондо кызга тамашалап тийишмей адаты бар.

- Кумарбү, сени качан күйөө алат ыя? - деди бир күнү колундагы алманы ыргытып ойноп, кайра карсылдата чайнап.

- Сенин эмнең кетип жатат?

- Кара далы болуп кеттиң го дейм?

- Мени алчу эмес, мен тийчү эркек азырынча жок.

- Ох-хо кыздар, текеберлигиңерден баарынан куру калып, кийин гана өкүнөсүңөр, - деди жылмая.

- Өзүңчү?

- А мен сен айтмакчы жетиммин, ким үйлөнтмөк эле…

- Иште, анан баары болот да, атам байкушка деле кыйын болду, апам оорубаганда мен дагы иштеп жардам кылмакмын, - деди Кумарбү муңая.

- Таежем жакшы болуп кетсе мага дагы жакшы болмок, жездем келгенде мага иш таап бер дебесем, - деп Өмүрбек тамашасын унута бөлөсүнөн уяла түшкөндөй болду.

- Азыр совхоздо жаштарды жумушка алат, кирем деп барсаң болот да.

- Билбейм, түрмөдөн келгенимди укса иш бербейт го?

- Анда атамдан сурап көр, колоктоп бош жүрбөй иштесең кыздарды дагы жолуктурасың, адам болуш аста-аста дегендей.

- Чоң энемдей болбой жөнчү, - деп жылмая сыртка чыгып кетти, кайра эле кирип келип, - сени бирөө чакырып жатат, - деди.

- Ким экен?

- Билбейм, өзүң көрсөң тааныйсың да.

- Азыр, - деген Кумарбү адегенде терезеден карады, мектепте жүргөндө бир-эки жолу кат жазган Аскат деген бала экен. Ага жооп бербей койгон, андан кийин аскерге кетип калган, ошол бойдон көрө элек болчу. "Чыкпай эле койсомбу", - деп турганда анын жанына Өмүрбек барып сүйлөшүп калды. Аларды көпкө карап турду. "Эмнени сүйлөшүп жатат болду экен, Аскат эмнеге келди? Эмнеси болсо дагы сүйлөшпөй эле койойунчу, апам төшөктө жатса, мен эркектер менен туруп алганым болбойт", - деген чечимге келди да, өз ишин улантып кирди.

- Кума-аш! - деген Уларкандын үнү угулганда ички бөлмөгө кирди.

- Апа, эмне болду?

- Тузу жок ашың барбы, кызым?

- Ооба, катыгы жок болуп жатат.

- Катыгы жок эле бере берчи.

- Макул.

- Атаң келе элекпи?

- Жок.

- Өмүрбекчи?

- Эшикте жүрөт.

- Чакырчы, Узак менен Кубатчы?

- Алар мектепке кеткен, апа, экөө тең экзамен беришет да.

- Тумаш кайда жүрөт?

- Ал кир жууп жатат, мен тамак жасадым, атам ачка келет чыгаар.

- Турат менен Мурат ойноп жүрөбү?

- Аларыңдын оюндан башка жумушу жок.

- Мейли, ойносо ойной берсин, бүгүнчө катыгы жок эле ичип турам, уй дагы байып баратат окшойт, сүт аз чыгып калдыбы?

- Ооба.

- Садага болоюн сербейген, мени карайм деп кыйналдың го, же ары, же бери болбой мен дагы силерди кыйнадым ээ?

- Апа, анте көрбө, сен сакайып кетесиң, мен кыйналбайм, апке! - деп Уларкандын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап ийди. - Антип айтпачы, апа, мен тамак алып келейин.

- Алып келе гой, - деп Уларкан улутуна жатып калды. Кумарбү чоң чыныга тамак алып келип, жупкадан туурап берди.

- Кумаш! - деген сырттан Өмүрбектин үнү угулду, ага улай эле Тумарбү кирди.

- Кумаш эже, сизди бир бала чакырып жатат.

- Колу бошобойт деп койчу.

- Ал ким экен? - Уларкан Тумарбүнү карады.

- Тааныбайм.

- Ким? - деп кайра Кумарбүдөн сурады.

- Көргөн жокмун, классташтарым го…

- Жолуксаң жолугуп кой, кызым.

- Кереги жок, апа.

- Мени багам деп багыңды байлаба, кызым, эптеп жакшы болуп кетээрмин. Өзүңдү дагы ойлон, убакыт деген аркыраган дайра, кантип өтүп кеткенин байкабай кийин өкүнүп каласың. Кудайга шүгүр, баягыдан жылыш бар, табитим жакшы…

- Жакшы болуп кеткениң керек, апа, балдарың эми чоңойгондо жакшылыгын көрсөң, жаманды ойлобочу, макулбу?

- Секет кетейиндерим десе, оорунун азабын үч жылдан бери тартып келе жатам, сен болбосоң балдар эмне болот эле, жаштайыңдан түйшүк тартып калдың, - деп Уларкан оор үшкүрүнүп алды. - Өмүрбекти кир дечи бери.

- Макул, - деп Тумарбү чыгып кетти.

- Таеже, чакырдыңбы?

- Отурчу мындай.

- Угуп жатам.

- Сүйлөшкөн кызың барбы, балам?

- Кайдан, түрмөдөн келген кишини ким карайт, таеже, - деди Өмүрбек башын жерге салып. - Аны эмнеге сурадың? - Уларканды көңүл бура карап, кулак түрүп калды.

- Ылайыктуу кыз тапсаң үйлөнтөлү дедик эле.

- Таеже, ал жөнүндө ойлоно элекмин.

- Мени көрүп турасың, Кумаш болсо мени багып кыйналды, же бир сыртка чыкпаса, багы байланып отурат, күйөөгө чыгып өз бактысын тапса болот эле. Сени үйлөнтсөк анан ага да жол ачылат. Бир жаш кичүү болсоң дагы сен деген эркексиң, ошондуктан Кумарбү сенден кийин деле турмушка чыгат.

- Кабатыр болбо, таеже, баары жакшы болот, таажездеме айтып иш болсо иштеш керек эле…

- Тааныштарына айтып көрсүн анда.

- Ооба, адегенде иштейин.

- Ошент, садага, иштеп эл катары оокатыңды өткөр, апаң байкуш жашында ооруп өлбөгөндө сен дагы бир туугандуу болуп, ата-энеңдин маңдайында болот элең. Эми Узак менен Кубаттарга бир туугандай бол, садага, беркилер го жаш, - деп Уларкан көкүрөк өйүгөн санаасын чыгара оор дем алып алды.

- Балалык кылып, силердин сөзүңөрдү укпай жаман жолго түштүм, эми кеч болсо да силердин эмгегиңерди ойлоп уялып жүрөм. Таеже, өз ата-энем болсо да силердей карамак, - деди Өмүрбек улутуна. Алар сүйлөшүп отурганда Сарыбай кирди, артынан балдарынын баары кирип, чогуу дасторкондо отурушту.

- Өмүрбек, - деди Сарыбай анын ички сырын туюп тургандай, - жакында жер айдоодо малага киши керек экен, иштейсиңби же?..

- Иштейм, таажезде, ага чейин деле жумуш болсо иштеш керек эле.

- Анда мен эртең эле сүйлөшөм, мени менен бар, макулбу?

- Макул, өзүм дагы иш издейин деп турдум эле.

- Бош жүргөнүң болбойт, балам.

- Ата, мектепти бүтөөрүм менен мен дагы иштейинби? - деди Узак.

- Өмүрбек экөөңө бир трактор алып берип койойун анда.

- Макул, иштей беребиз, - деп көпкө кобурашып отуруп, анан жатууга кам урушту.

Кумарбү уйкусу келбей ооналактап көпкө жатты. Анан Өмүрбекти ойлоду: "Менден бир эле жашка кичүү да, эмне болмок эле? Аны өзүм жакшы көрүп баратат окшойм, бөлөгө жол бар деп уккам. Балким башка жигиттер менен сүйлөшпөй, бир эле Өмүрбекти көрүп жүргөнгө ушундай сезилип жаткандыр. Аскат мени башынан эле жакшы көрөт, менчи, мен аны сүйөмбү? Чынында сүйүү дегенди түшүнбөйт дагы болсом керек", - деп ары-бери оонап жатып, кеч уктады. Эртеси Өмүрбекти Сарыбай ээрчитип барып, жумушка киргизди. Совхоздун майда-барат жумуштарына адам керек болуп жаткан, жазгы эгин-тегин айдоого тракторлорду даярдаганга механиктин жардамчысы болуп орношту. Уларкан күндөн-күнгө сакайып, өз алдынча кирип чыга баштады. Кумарбү кубанып жүрдү, балдары менен бабырашып, үй-бүлөгө бакыт жылмайгансыды. Сарыбай дагы жумуштан келгенде көңүлү жайдары:

- Оо, байбиче, ал-акыбал кандай? - деп аялынын акыбалын сурап кирет. Бүгүн дагы ошентти.

- Жакшы, жумуш бүттүбү?

- Бүттү, биздин маңдайыбызга сен аман болсоң эле баары жакшы болот, санаам тына баштады, балдарымдын да көңүлү ачык, - деп бабырай төргө өттү.

- Кудайга шүгүр, мурункудан дурусмун, Кумашты деректирге сүйлөшүп иштетип койсоң боло, үйдөн чыкпай чүнчүп кете турган болду?

- Эчтеке болбойт, кыздын үйдөн чыкпаганы жакшы, андан көрө Кумашты күйөөгө беребиз, - деп атасы бакылдаганда сырттан кирип келаткан Өмүрбек менен Кумарбү бири-бирин карап калышты. Аларды байкабай эле Сарыбай сүйлөй берди. - Менин баягы досум Болсунбек бар го, ошол шаарда жашайт эмеспи. Көп жылдан бери көрүшпөй калдык эле, мурдагүнү агасы Толкунбектикине келиптир, жолугуп калдык. Бала кезден эле дос болчубуз, балалуу болсок дос кылабыз, бирибиздики кыз болсо куда болобуз деген сөзүбүз бар эле, ошону айтып бир топ сүйлөштүк. Эмки айда аялын, баласын ээрчитип келмек болду.

- Койсоңчу, балдар бири-бирин көрбөсө кандай болот?

- Ошондо көрөт да, байкашат бири-бирин. Иши кылса кызым бактылуу болот. - Ошол кезде Өмүрбектин тамагы кычышып, жөтөлүп жибере жаздап эшикти көздөй жөнөдү. Дабышты кулагы чалганбы, - Кумаш, сенсиңби? - деди Сарыбай. - Кел, жаныма отурчу, кызым.

- Ооба, ата, - деп Кумарбү оозгу үйдөн чыга келди.

- Ийи, кызымды кудай буйруса жакшы жерге беремин, баланын бактылуу болушун ата-эне тилейт экен да. Буйруса апаң жакшы болуп калды, туугандарымды чакырып, берген малдарын чогултуп албасам болбойт.

- Ата, эмне деп эле жатасыз?

- Куда түшөбүз дегендер болуп жатат, кызым.

- Коюңузчу, ата, кереги жок, - деп Кумарбү ордунан туруп кетти.

- Сени бактылуу болсо экен дейм да, кызым, сенден кийинкилер да бойго жетип калды, Өмүрбекти үйлөш керек.

- Андан көрө Өмүрбекти үйлөнтө бергиле.

- Эжеси турса иниси кандай үйлөнөт, Өмүрбек үйлөнсө күйөөң менен келип турсаң жакшы эмеспи. Бүгүн бир койдун этин алып келдим, он үч сом дейт, айлыктан кармай турган болду. Өмүрбекке айтчы, бузуп тамак жасагыла.

- Макул, - деп Кумарбү эшикке чыгып кетти.

Өмүрбек кире бериште турган, аны көрүп, атайын чычалатмакка тийише сүйлөдү:

- Күйөө балалуу болот экенбиз да?

- Сага күйөө бала болмок беле? - Кумарбү жактыра бербей карады.

- Ой жезде-жезде, адашып калган турбаймынбы.

- Жинге тийбечи, атам этти бузсун деп жатат.

- Жарайт, бөлөм, кол жууп алайын, - деп шыпылдай колун жууп келди да, оозгу бөлмөдөгү чыпта капта турган этти кленкага салып, бузуп-бузуп бере салып, эшикке чыкты. "Демек, Кумашты күйөөгө бермек болушту, анан мени үйлөнтүшөт. Менин Кумашты жакшы көрөөрүмдү билсе каршы болушат го, бактылуу кыла алаарыма ишенишпейт, ишенген күндө да ал экөөбүздү үйлөнтүүнү ойлоп коюшпайт. Өз жолум менен болгонум эле оң болоор", - деп ойлонуп жатты.

- Ээ, Өмүрбек, быйыл күздө үйлөнбөсөң болбойт, - деди жанына келген Сарыбай.

- Таажезде, мен али ойлоно элекмин…

- Эмнеге, эми сен жигит болдуң, жыйырмага чыгып калдың, үйлөнөөр маалың келди. Таежең да оорукчан болуп калды, жардам берип келин жумшатсаң жакшы болот эле, балам.

- Байкаштырып көрөйүн, таажезде.

- Ошент, эми сен чоң жигитсиң, атаңа да бир барып койсоң жакшы болмок, оңолбогон адам болбойт, жакшы сөз, жакшы мамиле керек. Тейит Чынарканды жакшы көрчү, кийинки аялдары ошондой болбосо керек, ойго алдырып койгон экен. Бир барып, учурашып кел ээ, айлыгың тийгенде.

- Макул.

- Кандай күндө болсо дагы, кандай адам болбосун ал сенин атаң, сен анын канысың, аны ошол азаптан сууруп чыгып адам катарына кошушуң керек. Ата-энени жээриген ата-бабабыздын салтында жок, орусташып кетип, элдин пейили өзгөрүп, салтты-динди бузуп эле карыларыбыз карылар үйүнө түшүп жатпайбы, - деп Сарыбай бир топко чейин акыл айтты.

- Мейли, атамдын акыбалы тигил экен, бир туугандары кабар алып койбоду. Сиздерге ыраазымын, мени багып чоңойтуп эми үйлөнтөбүз деп жатасыздар, атаңды кара деп акыл-насаат айтасыз.

- Эми алардын да шарты болбой жаткандыр, таарыныч-кекти каапырга бер деп коюшат бизде, сен көтөрүмдүү бол, балам.

- Айтканыңызга ыраазымын, иштейин, анан барып келем.

- Ошондой кыл, быйыл Кумаш экөөңдү өз-өз жайыңарга орундатып койсом, бир-эки жылда Узагым чоңойот. Мектебин бүтүп алса совхозго эле трактирис кылам аны. Кой, тамак бышса ичип алып, эс алалы.

Үйгө киришсе Кумарбү баарын даярдап жаткан экен. Бала-чакасы болуп тамактанып, күнүмдүк оокат-тиричилиги жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

- Сен балдарга энчилеген козуну айтасыңбы? - деди Уларкан жаткандан кийин.

- Ооба, мага бергиле деп барганым жок, эми балдар чоңойду, беш кой, бир торпокту алалы доолап, - деп Сарыбай күлүп калды. - Эмдигиче кайнага берген торпок беш торпок тууп койгондур, козулар кой болмоктон болду да.

- Ооба, ошолорду башында неге ойлонбодук экен? Алып алгыла деген былтыр.

- Атасынын гөрү, дегеле жутунбаптырбыз да, байбиче?

- Кудай берет.

Ошентип мамыр-жумур үй-бүлөдө кайрадан күлкү чыгып, бактылуу балалыктын жылмаюусу менен ата-эненин сүйүүсү бири-бирин толуктап, өмүрдүн кызыкчылыгына батып, ар бир күн майрамдай сезиле баштады. Сарыбай айткандай эле кайнагасы Болотбекке барып, андан музоолуу уй алып келди. Туугандарынан улак, кой-козусун алып, Текебай деген койчуга кошуп койду.

Досу Болсунбек жай ортосунда үй-бүлөсү менен келип калды. Аларды козу союп, колунан келишинче коноктошту. Уулун көргөн Кумарбү негедир толкунданып алды. "Ата-энем эмне десе ошомун да, Жакин жакшынакай бала экен, чанып кайда бармак элем. Маңдайыма жазып койсо кайда качмакмын", - деп ойлоп, кайра-кайра күзгүгө каранып, бою-башын түзөндү. Илбериңки кыймылдап, тамак-ашты ирээти менен киргизип берип жатты. Болсунбектин аялы Фарида шакылдаган неме экен, Кумарбүнү карап:

- Кызым, кел отур, биз менен тамактанчы, - деди.

- Жо-ок, отура бериңиздер, - деп кыз ыйбаа кыла сыртка чыгып кетти.

Болсунбек баласына башын ийкей: "Бар, тааныш", - дегендей белги берди эле, Кумарбүнүн артынан ал дагы чыкты. Өмүрбек шорпо куюп, эт туурап отурган, ичинен кызганып араң чыдап отурду.

- Кудай буйруса, балдардын насиптери биригип, мамилеси жакшы болуп кетсе бат эле үйлөнтөлү, убакытты созгондо эмне, - деди Болсунбек бапылдап.

- Адегенде эки бала бири-бирин жакшылап таанып, жактырышып калса калганы биздин колдо эмеспи, досум, бала кездеги кыялдарыбыз ишке ашса кандай кубаныч.

- Ашыкпагыла эми, балдар бири-бирин жактырабы-жокпу, убакыт көрсөтөт. Андан көрө тамактан алгыла, канча жылдан бери бири-бириңерди көрбөй сагынышып калгандырсыңар? - деп Уларкан күлүп калды.

- Ай, ошону айтсаң, биз кыз экенбиз да, кандай гана ынак курбуларыбыз менен көрүшпөй да калдык, силер болсо досум бар, катышпасам болбойт деп эле айдап жөнөйсүңөр, - деп Фарида аны сүрөп калды.

- Ооба десең, эгерде сен экөөбүз бир кездеги курбума кудалашалы десек, ушулар макул болмок беле?

- Кайдан, бизди уккусу да келмек эмес.

- Эркекти кудай бир сүйүп жаратып койгон тура, - деди Уларкан каткырып.

- Эркектер чынында бала жаратып, бак-бак сүйлөгөндөн башка дегеле эмнеге жарайт ыя? - Фарида Уларканды коштоп каткырганда Болсунбек аларды карап ормойду.

- Ой-оой, бу катындар эмне дейт ыя, атаңдын көрү-ү ай!

- Булар сүйлөй берет, ырасында биздин сөз булар үчүн закон да, эми кээде өз ойлорун айтып алышсын, - деп Сарыбай карс-карс күлдү.

Ошол убакта сыртта Кумарбү менен Жакин сүйлөшүп турушту.

- Кумарбү, сени менен таанышканыма абдан кубанычтуумун, - деп Жакин кызды жылмая карады.

- Мен дагы, - деди Кумарбү уялыңкы жер карап.

- Жигитиң барбы, Кумарбү?

- Болушу мүмкүн, өзүңүздүкүчү?

- Мен ата-энемдин каалаганына үйлөнөм го.

- Эмнеге?

- Анткени мен ата-энемдин сөзүн кайтаргым келбейт, алар да мага жакшылыктан башка каалабасын билем.

- Жүрөктү кантесиз?

- Жүрөктө бир кезде бирөө жашаган, - деп Жакин ойлуу аны карады.

Ушул кезде анын көздөрүнөн кыз жалтанып кетти.

- Эмне болду эле?

- Анын өмүрү кыска экен…

- Жаман болуптур.

- Айла жок, башка салганды көтөрбөскө бир арга барбы.

- Андан кийин башканы сүйгөн жоксузбу?

- Жүрөгүм бош, мүмкүн болсо сүйлөшүп туралы.

- Убакыт болсо.

- Ата-энелерибиз биз үчүн кам көрүп жатышат, алардын үмүтүн акташыбыз керек го дейм…

- Ким билет, балким тагдырыбыз таптакыр башкачадыр…

- Билбейм.

- Кыскасы, жүрөгүң бош болсо болду, эртең биз кетебиз, сен биз менен шаарга барып келбейсиңби? Шаарды көрсөтөм, кең-кесири сүйлөшөбүз.

- Жо-ок, мен баралбайм, үйгө кириңиз, мен чай алып киришим керек, - деп Кумарбү үйдү карай кирип кеткенде Жакин өзүнчө көкүрөк кере жылмайып алды.

"Демек, сен меники болосуң, мен сени сүйүп өтүүгө сөз берем. Арууке менин жүрөгүмдө жашай берет, а сен анын көчүрмөсү болуп, өмүрүмдү аруулукка бөлөйсүң. Мен сени бактылуу кылууга аракет кылам, Кумарбү", - деп өзүнчө таттуу кыялдарга бериле көпкө басып жүрүп, анан кирди. Бул кезде ата-энелери орто кызуу болуп, ырдай башташкан эле.

- Оо, кел, уулум, кандай, аяш атаңдын жери жактыбы? - деп бакылдаган Болсунбек уулуна колун созду.

- Ата, бул жер менин дагы жерим эмеспи.

- Туура, сен акылдуу баласың да, менин айтканымды түзүк түшүнө албай калдыңбы? - деп аялына көз кысып койду.

- Обуң менен болсоң боло, баланы уялтпай, - деп Фарида күйөөсүн тыя сүйлөдү. - Кел, балам, отур мындай.

- Силер отура бергиле, мен тиги бөлмөгө эс ала берейинчи.

- Эмне болду? - Болсунбек баласын делдейе карады. "Кудай уу-ур, буга кыз жакпай калган го", - деп да ойлоп ийди.

- Эчтеке болгон жок, - деп Жакин эшикти көздөй басканда:

- Уулум, бул бөлмөгө кирип, эс ала бер, Кумаш азыр орун салып берсин, - деп Уларкан төркү бөлмөнү көрсөттү, анан кирип келе жаткан Кумарбүнү көрүп, - Кумаш, Жакинге орун салып берип койчу, - деди ага.

- Макул, - деп Кумарбү Жакин кирген бөлмөгө кирип, төшөктөн калыңдап салып, кайра чыкты.

- Чарчаса керек, жаштар да, - деп койду Сарыбай. Андан кийин отуруш түн бир оокумга чейин уланып, бака-шака болуп отуруп, анан жатып калышты. Эне деген эне эмеспи, түнү бою кызынын камын ойлоп чыкты. "Кумаш жактырабы же жактырбай койоор бекен, жыйырма бирге чыгып калды, мен мындайымда эки балалуу болуп калдым эле. Бактылуу эле болсо экен, каралдым, өз каалаганына барса кандай жакшы. Өзү дагы ички сырын жан адамга айтпаган бир сырдуу кыз болду, садага, кудай багын ачса экен, жаратканым, тилегимди берип, кызымды бактылуу кыла гөр", - деп улутуна ары карап кеткенде Сарыбай:

- Сага эмне болду, байбиче? - деди акырын.

- Эчтеке.

- Кабатыр болбо, кызыбыз аларга жакты.

- Аларга го жакты дейли, Кумашты ойлодуңбу? Кызым бир мүнөз кыз, жакса-жакпаса да билдирбейт, негизгиси ал биздин өзүнө жамандык каалабасыбызды билет.

- Аның туура, эми көрө жатаарбыз, күмөнсүбөй уктап эс ал, байбиче.

- Макул, үйдө конок бар, эрте турабыз, уктайлы анда.

- Ооба, уктайлы, байбиче.

Экөө эки жакты карап унчукпай калышты.

Адам канчалык өткөн өмүрүндөгү жаман-жакшы окуяны жокко чыгарып, жашырып өткүсү келгени менен тагдыр дегениң сууга салсаң чөкпөй жээкке чыгып калган дөңгөч сымал бир күнү ачыкка чыгарып койоору чындык эмеспи. Өмүрбектин андан бетер уйкусу качып: "Кумашты эч кимге бербейм, мен аны сүйөөрүмдү таежеме ачык айтам", - деп ойлонуп жатты. Кумарбү болсо: "Менин Өмүрбекти сүйүшүм туура эмес, аны атамдар өз балдарынан кем көрбөйт. Ал эми Өмүрбек менин сүйүүмдү билбеген бойдон калсынчы, айтор кудайым бакыт берсинчи, ата-энем аман болсо болду", - деп ооналактап жатып, кеч уктады. Эртеси уктап калган экен, Уларкан аны тим койду. Болсунбектер тургуча кызыл шорпо жасап, дасторконун даярдап күтүп калды. Сарыбай болсо баш жазганга русский арагынан экини көтөрүп келатканда эшиктин алдында турган Болсунбек аны көрүп күлө:

- Азандан кайда барып келе калдың? - деп калды.

- Кемпир укпасын, баш жазганга бирдеке алып келе калдым, - деп култуңдай досун үйгө ээрчитип кирди. - Кудай уруп, сенин келгениңе кубанып, көп ичип коюптурмун, баштын ооруганын айтпа.

- Баш жазса жазалы, дос, аяш эмне кылмак эле, биздин ысык-суугубузга баары бир ошолор күйөт да. Кыскасы, энесин көрүп кызын ал дегендей аяш бизге жакты, бактың бар экен, досум, Уларканга жолугупсуң.

- Ой, мен Уларканды сүйүп алгамын да, ооруп калганда санаадан өлө жаздадым, - деп экөө кобурашып кирип баратканда дааратканадан келе жаткан эки аял алардын сөзүн угуп, бири-бирин карай жылмайып коюшту. Алар жуунуп үйгө киргенде эрлери бирден алып ийип, билмексен болуп отуруп калышкан эле.

- Ий, кайрандар, баш жазып жатасыңар? - деди Фарида күлө.

- Эми-и, байбиче, силер бар биздин багыбыз бар да, отуз жылдап көрүшпөй кеткен дос болсок, бир жолукканда жакшылап чардап алалы.

- Ошону айтсаң, баары бир экөөңөрсүз биздин күнүбүз жок да, - деп Болсунбек Сарыбайды коштогондо эки аял ого бетер күлүп, ыраазы боло унчукпай калышты. Түшкө чейин бакылдашып отуруп, бир убакта Болсунбек аялына кайрылды:

- Ой, биздин жаштар алиге уктап жатабы, Жакинди тур де, байбиче, жолго чыгалы.

- Ал турган, азыр жуунуп келет, - деди Уларкан.

- Аа-а, мейли анда, кетпесек болбойт биз дагы.

- Кетээрсиңер, ботом, шашпагыла бүгүн, эртең деле кетээрсиңер, - деп Уларкан Болсунбек менен Фариданы карады.

- Кетпейт, бул жайдын толуп турган убагы, өзөнгө барып кечке отуруп келели. Этиңден ал, Улаш, шишкебек бышырып жеп, артынан ак моюндан ичип бир жыргайлы, - деген Сарыбай досун карады. - Сени бүгүн бошото койот деп турасыңбы? Сайраган куштун үнү, суунун шары, ар түрдүү жыпар жытын чачкан кооз гүлдөрдү аралап, жаштык кезди бир эске салып көпөлөк кубалап ойноп келели, балык салабыз.

- Досум, сенин али жаштык менен коштошо албай жүргөн кезиң го, баягы кыз жандап гүл терген кезди кырктан ашканда элестетелиби? - Болсунбек Сарыбайга карап, санын чаап, каткырып калды.

- Ой, аяшыңды мен сүйгөндөй эч ким аялын сүйгөн эместир.

- Акырын эми, бакылдабай, балдар укса уят.

- Укса эмне экен, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, керек болсо сүйүүнү ызааттап-сыйлаганды бизден үйрөнүшсүн, - деп Сарыбай кеп жебейт. - Эчтекени түшүнбөй туруп эле "сүйөм, күйөм" деген менен сүйүү эмне экенин билбейт азыркы жаштар.

- Туура, Саке, чыныгы сүйүү деген уламыштарда, дастандарда гана болот десе, менин досум өзү сүйүүнүн символу тура, - деди Болсунбек.

- Кемпир, тез даярдан, ат-таасынын гөрү, бир ойноп келели.

- Макул эми, биз Уларкан экөөбүз даярдай койолу, - деди Фарида күлө ордунан туруп. Арыдан-бери алчусун алып, Болсунбектин машинасына казан-табагын жүктөштү да, өзөн бойлой кеткен жолго түшүп, төртөө капчыгай жакка жөнөштү. Кумарбү туруп, үйлөрүн жыйнап, инилерине чай берип, кайра жыйнап, колу бошогон жок. Өмүрбек менен Жакин сыртта сүйлөшүп турушкан, бир кезде Өмүрбек жумушуна кетти. Үйүн жыйнаштырып бүткөн Кумарбү инилери ойноп кеткенден кийин Тумарбүгө:

- Сен суу жылытчы, кир жууй койолу, - деди үйгө кирип баратып.

- Макул, - деп Тумарбү элпектене казанга суу куюп, от жагып жатканда Жакин Кумарбүнүн артынан кирди.

- Кумарбү, кандай?

- Жакшы, өзүңүз кандай эс алдыңыз?

- Эң сонун, сени көрүп көңүл жайланып, уктап калыпмын.

- Жомоктогудай сүйлөйсүз.

- Сени көргөнү жомоктогудай жашоону элестете баштадым.

- Кызык экен.

- Мен кызыкты деле сезбедим, чыныгы жашоону гана сезип турам.

- Кайда экен?

- Сенин көздөрүңдө.

- Кантип билдиңиз? - Кыз саал жылмая карады.

- Көрүнүп турат.

- Көздөн окуй турган аппаратыңыз барбы?

- Айрыкча сенин көздөрүң мага көп нерсени айтып турат, бирок сенин оюңду билүүм керек.

- Табышмак… - деп бырс этип күлгөн кыз сыртка карай жүгүрүп кетти.

Жакин сыртка чыкса ал шатыга чыгып, жаагын таянып отуруптур.

- Эмнени ойлонуп калдың? - Жакин кыздын жанына келип, жылмая карады.

- Эчтеке.

- Жо-ок, бир нерсени ойлонуп жатасың.

- Атыңыз Жакинби?

- Ооба, эркелетип Жакин дешет.

- Чыныгы атыңыз ким?

- Жакыпбек.

- Мен Жаныбек болсо керек деп ойлогомун.

- Эмнеге?

- Билбейм, негизи Жакин деп кыздарды айтышат го?

- Балким, мени атамдар ошентишет.

- Кайсыл окууда окуйсуз?

- Тарыхчы болот го.

- Жакшы экен.

- Сенин окугуң келбедиби?

- Менин шартым болбой калды, бирок эми деле убакыт бар деп ойлойм.

- Албетте.

- Жакшы эс алыңыз, мен жумушумду жасайын, - деп Кумарбү жылмая туруп кетти.

Жакин да аны жылмая карап калды. Күнү кечке жумуш менен алышып, жаңы гана бүтүп калганда Өмүрбек жумуштан келип калды. Жанын койоорго жер таппай, жан дүйнөсүн эзген санаадан жабыркап, үйгө келсе Кумарбү менен Жакин дасторкондо чай ичип отурган экен. Кабак бүркөй отуруп калды, Кумарбү ага чай сунду.

- Кел, Өмүрбек, иш кандай? - деди Жакин.

- Жакшы.

- Эмнеге кабагың бүркөө? - Кумарбү сурап койду.

- Жайынча эле, - деп чыныны кармап, жооп берди Өмүрбек.

- Ишиңде бирдеме болдубу?

- Жо-ок, өзүмдүн көңүлүм жок.

- Сүйгөн кызың менен таарынышып калган жоксуңбу? - деди Жакин күлө карап.

- Сүйгөн кызга сүйөм деп айтуу оор болуп жатпайбы?

- Эмне, мококсуңбу?

- Андай эмес, бирок мүмкүн да эмес.

- Кандайча?

- Ошондойчо, аны ата-энеси күйөөгө бергени жатат!

- Эмнеге? - Кумарбү аны жалт карады. - Эбак эле атамдарга айтпайт белең?

- Эмне деп айтам? - Өмүрбек ага кыжырлуу жылмайды.

- Сүйгөн кызым бар деп, атам сага айтты эле го?

- Болбойт, болбойт, такыр болбойт! - деп тура калган Өмүрбек ичип аткан чайын таштап, эшикти көздөй чыгып кетти.

Жакин менен Кумарбү бири-бирин карап отуруп калышты.

- Жинди, атам алда качан эле үйлөн деп жүргөн, ошондо эле айтса болмок экен.

- Айталбаса керек да.

- Эмнеге айталбайт, атамдар муну тырмактайынан багып келе жатат, Узактан кем көрүшпөйт, кызынын ата-энеси менен атамдар сүйлөшөт эле го.

- Тартынса керек, аа-а, баса, ал өз иниң эмеспи?

- Мен чыгайынчы, - деп Кумарбү дагы тура жөнөдү, ал сыртка чыкканда Өмүрбек дарбазанын жанындагы жүзүмдүн түбүндө турган. Жакиндин суроосу жоопсуз калды, Өмүрбектин айтканынан улам Кумарбүнүн жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип кеткен эле. - Өмүрбек, ал кайсы кыз эле, мен тааныймбы? - деди жанына келип.

- Эмне, табалагың келип турабы, эжекеси? - Өмүрбек ызалуу бурк этти.

- Сени табалачу мен белем?

- Күлкүң келээр, табалаарсың, Кумаш, бирок мен бала кезден бир гана кызды сүйөм. Ал мени сүйөбү же сүйбөйбү билбейм, уктуңбу, билбейм!.. - деп жакшы эле оюндагыны айтып келатып, Өмүрбек Жакинди көргөндө кыжырлана ары басып кетти.

Жакин Кумарбүнүн артынан чыгып келаткан.

- Эмне болду?

- Эчтеке, - деп машина келип токтогондо Кумарбү жол жакка басты.

Сарыбайлар бакылдаша түшүп жаткан. Өмүрбек аларды карап коюп, короодон чыгып кетти. Уларкан менен Фарида орто кызуу, бири-бирин колтукташып, көңүлдөрү куунак. Кумарбү менен Жакин аларды утурлай чыкканда ата-энелер кубанып кетишти. Турат менен Мурат аларга чуркап жетип, машинадагы жүктөрдү тыпылдап үйгө ташып жатышкан эле.

- Окшошкон садагаң кетейиндер, сүйлөшүштү бекен ыя? - деп акырын Уларканды нукуп койду Фарида.

- Ким билет, шартты болсо түзүп бердик, - деп Уларкан дагы шыбырай күлүп калды.

- Уулум, кандай эс алдың? - деди Фарида Жакинге карап.

- Жакшы, апа, өзүңөр жакшы эс алып келдиңерби?

- Айтпа, укмуш эс алдык, суунун жээги, арча-кайыңдын арасында жайкалган көпкөк шибер, өзүнчө эле ажайып. Атаң ушундай сулуу жерди көрсөтпөй, бизди түтүнгө ышталган шаарда камап жүргөнүн карасаң, уулум, - деп жадырай күлүп, ээрчише үйгө киришти. Алар киргенде дасторкон даяр эле, кайрадан бака-шака түшүп, отуруп калышты. Ал күнү дагы түн ортосунан оогончо эстен кеткистей конок болушуп, эртеси эрте коштошуп, жолго чыгышты. Конокту узатып коюп, Сарыбай менен Уларкан эс алганы жаңы гана кыңкайганда Болотбектин тойго чакырып жатканын айтып, бир жигит келип калды. Аргасыз колдорунан келгенин айтып, тойго кетишти. Дал ошол күнү Өмүрбек сырттан кирип келе жаткан Кумарбүнү колунан кармап калды.

- Сага эмне болду?

- Сен Жакинге күйөөгө чыгасыңбы?

- Бешенеге буйруганын көрөм, а сен жинди болдуңбу?

- Ооба, жинди болуп баратам!

- Эсиңе келчи, түшүндүрүп айтчы деги.

- Сен мен айтканда түшүнөөр белең? - Өмүрбек Кумарбүнү карыдан кармаган бойдон койо бербей каректерине тигилди. - Түшүнөсүңбү, ыя?!

- Өмүрбек, эмне деп жатканыңды түшүнсөм өлөйүн…

- Түшүнбөсөң түшүн, билбегениңди бил, угуп ал жакшылап, мен сени сүйөм! - деди силкилдетип.

- Эмне-е?! - Кыз көздөрүн бакырайта оозунан сөзү түшүп туруп калды.

- Ооба! - Өмүрбек айласы кеткендей эки колдоп башын мыкчый тегеренип барып, кайра маңдайына келди. - Мен сени башынан сүйөм, сен мени түрмөчүк деп чанаарсың, теңиңе албайт чыгарсың, мени сүйүү көңүлүңө келбейт дагы, туурабы?

- Өмүрбек, биз деген бир туугандай болуп калдык, атамдар сени өз баласындай көрөт, биз бири-бирибизди сүйүүгө акыбыз жок экенин сен билип кой! - деп Кумарбү үйгө кирип кетти.

Өмүрбек үнсүз туруп калды. Ал күнү өзүнөн-өзү кыжаалат болгон Кумарбү майда-барат ишти Тумарбүгө түртө салып, эч нерсеге көңүлү келбей төркү бөлмөгө кирип отуруп алды. "Кызык, мен эле жакшы көрөм десем, Өмүрбек дагы мени сүйөт тура. Бирок биз эч качан бири-бирибизге жете албайбыз, атамдар бул жөнүндө эч качан билбеши керек. Эртелеп Жакинге тийип кетем, ошондо унутат, мен дагы унутам, менин эрким күчтүү, унутуп коюуга алым жетет", - деп өзүн-өзү кайраттандыра ордунан турду. Кеч кире баштаган экен, инилерин көчөдө ойноп жүргөн жеринен чакырып келип, кечки тамагын берди.

- Узак, трактор айдаганды үйрөндүңбү? - деп сурады Кумарбү Узак сырттан кирип, дасторконго отурганда.

- Ооба, буйруса жакында өз алдымча айдап калам.

- Азамат, эң чоңу сен болгондон кийин атамдарга сен карашың керек, окугандар кыйратып жатышыптырбы?

- Окууну окуйм десем атам кой дебейт, эже, бирок мен өзүм таптакыр окугум келбейт, иштесем да жашайм.

- Тракторист дагы кесип да, ар бир нерсенин эле акырына чейин ардактап алып жүрсөң берекесин берет, акыл менен иш кыл, иним.

- Макул, эже, иш буйруса жакшы, азыр жаштарды жумушка тарталбай жатышкан тура, атама баары рахмат айтып жатышат, - деп Узак кудуңдап койду. - Өмүрбек акем дагы мактоого алынып калды, буйруса ага дагы жакында өз алдынча трактор бергени жатат ээ, аке? - деп Узак баятан бери унчукпай отурган Өмүрбекти карады.

- Ооба, беребиз деп жатышат, - деди ал үңкүйгөн калыбында.

- Экөөлөп иштеп, атама жеңилдик кылгыла, - деп Кумарбү да жер карай унчукту.

- Биз дагы чоңойсок иштейбиз да, - деп Кубат эдиреңдеп калды.

- Сөзсүз иштейсиңер, атамдарды чогуу багабыз.

- Мен окуйм, колхозчу болбойм, - деди Мурат мурдун шуу тарта.

- Мейли, бир үйдөн бирөө окумуштуу болсо ажеп эмес, - деп Кумарбү күлүп койду. Андан кийин орун салып баарын жаткырышкан соң Тумарбү экөө өз бөлмөлөрүнө кирди.

- Эже.

- Ийи.

- Сизге Жакин аке жактыбы?

- Аны эмнеге сурадың?

- Атам аны күйөө бала кылам деди го?

- Айта берет, бир көргөн немени жакты же жакпады деп айтыш кыйын, анын сага эмне кереги бар, жатып укта.

- Атамдар эртең келеби?

- Той бүткөндө келет да.

- Тайкем аябай бай го, тойду бир жума береби?

- Бир жума той берген илгери болчу экен, азыр андай чоң той бергенди өкмөт жактырбайт, тайкем партия болгон соң ишинен алып коюшу да мүмкүн, - деп Кумарбү уккан-билгенин божурап берди. Бир убакта Тумарбү ары карап жаткан бойдон унчукпай калды, уктаса керек. Кумарбү көпкө ойлуу жатты, "Өмүрбек кызык, эми эмне болот? Атамдар укпаса экен, эси жок десе, биздин бири-бирибизге өмүрү кошула албасыбызды кандай түшүнбөйт? Эгерде таежем тирүү болуп, мени келин кылып алам десе, анда иш башкача болмок. Экөөбүз бир туугандай урушуп-талашып өссөк, атамдар өз баласындай карап багып отурса, анан кантип сүйүүнү кеп кылууга болсун. Эгер сүйүү ошондой эле ыйык болсо бизди кечирсин, чынында мен өзүм дагы Өмүрбекти жакшы көрчү эмес белем, бирок мен ал сырды өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө гана сактоого тийишмин. Сүйүү жөнүндө сурагандарга сүйүүнүн ыйыктыгын, назиктигин айта алам, жүрөк түбүндө аздектеген адамым бар экенин айтам", - деп, жаны жай албай түйшөлүп жата берди. Эртеси түшкө жуук Сарыбай менен Уларкан келишти. Балдары алар алып келген тойдун кешигин жеп, бапырап жатышканда:

- Ата, той кандай өттү? - деп Кумарбү атасына кайрылды.

- Сонун өттү, тайкең өзү сельсовет, партийный киши да, ашыкча каада-салтты жасатпай тынч өткөрдү.

- Антпесе дароо үстүнөн чагым түшөт, элдикин жеп жатат, кызматынан пайдаланып жатат деп эмеле чыгышар, - деп Уларкан сөзгө аралашты.

- Ии, иши кылса баары жакшы болсо болду, - деп койду Кумарбү.

- Сени сурады тагаң, ала келбейт белеңер, чоңоюп калды, жакшы жерге бербесек болбойт, кыздын эртеңкисин ойлогула деп катуу дайындады. Кыязы тагаң дагы сага күйөө таап койгон го? - деп Уларкан күлдү.

- Эмне эле мени күйөөгө бере албай жатасыңар, убактысы келсе көрөөрмүн, пешенеме жазганын, - деди Кумарбү тултуңдай.

- Сенин убактың келди, кызым, жакшы жерден куда күтүп, маңдай жарыла кубанып, сенин бактылуу болгонуңду көргүбүз келет да. Барган жериң жакшы болсо биздин дагы коңшу-колоңго сөзүбүз өйдө болуп, жүзүбүз жарык болбойбу, садагаң кетейин.

- Ии-ий, апа, жакшы же-ер, жакшы жер дейсиңер, жакшы жер казаныңарга аш салып бермек беле? - деп Кумарбү жинденип таарына кетти. - Экинчи антип айта бербегилечи!

- Кызым, - деди Сарыбай, - төбөсү көрүнгөн адамдар менен куда болсок бизге да жакшы эмеспи, үйүбүзгө андай адамдар келсе, кандай гана ырахат. Атаң абройлуу болуп калат, кимдин арты менен, сендей кызымдын арты менен, - деп ал бакылдап жатканда Өмүрбек чыгып кетти. Анын жан дүйнөсүндө бороондуу аяз уулуп, ыйлагысы келип: "Демек, буларга бай, колунда бар, кадыр-барктуу адамдар керек экен да. Андай болгон соң мага кызынын кылын карматпайт. Жүрөгүмдө арманым толуп-ташыса да, эчтеке дей албай кала беремби? Мендей жетимге ким кызын бермек эле. Жок, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүүм керек, Кумашты эч кимге бербейм, өлсөм да аны ажыратып алам", - деп сыртта басып жүрдү. Кумарбү анын чыгып кеткенинен улам эле кандай акыбалда экенин сезди, ички дүйнөсү будуң-чаң түшүп жатканын айттырбай билди. Өзү дагы ичинен азаптанып: "Жакин тез эле келсин, сүйбөсөм дагы сүйөм деп жооп айтып, кетип калбасам, бул бирдин ичинен чыгат", - деп ойлонуп жатты. Ошонун эртеси эле Болотбек келиптир. Сарыбай жетине албай калды:

- Кел, байке, оо сиздей кадырлуу кишинин үйүбүзгө келгени кандай кубаныч, кир үйгө, байке.

- Келип калдык, мен контордо чоңмун, мындайда силердин гана агаңармын, - деп Болотбек үйгө кирип орун алды. - Силер менен сүйлөшчү сөз бар.

- Айта бериңиз аке, кандай сөз экен? - деп Сарыбай кулак түрүп калды. Аңгыча Кумарбү тайкеси менен учураша дасторкон салып, чай алып келди.

- Кумаш бойго жетти, сөздүн негизгиси ошол. Менин райондо парторг досум бар, анын Фрунзедеги политехте окуган баласы бар, ошол уулуна кыз издештирип жатыптыр, - деди Болотбек түз эле.

- Шаарда окуса айылдык кызды…

- Доорон аялы экөө айылдык эле кыз алып беребиз деп жатышат, эки күндөн кийин келишет, мен ээрчитип келем, кызды көрөлү дейт.

- Эмне кылабыз, байбиче? - Сарыбай Уларканды карады.

Бул убакта Кумарбү чыгып кеткен.

- Келсе келсин, кыз буйругандыкы да.

- Негизгиси кыздын багын ойлогула, мен аларга өзүмдүн карындашымдын кызы дедим. Кыскасы эртең келише турган конокторду тосууга даярдык көрө бергиле, Кумашты жакшыраак кийинтип койгула, мен барайын, - деп Болотбек турмак болгондо Сарыбай:

- Байке, отуруп тамак ичип кеткиле, - деди ыңгайсыздана.

- Жок, убара болбогула, коноктор менен бирге келем, - деп Болотбек болбой кетип калды.

- Байбиче, эми таза кызык болду го, алар келсе эмне деп жооп айтабыз? - деди кайнагасын узатып кирген Сарыбай.

- Кыз буйругандыкы, насибинен көрөөрбүз.

- Кызык, Болсунбектерге эмне дейбиз? Кайнагага айталбай койдум, сыйлаганымдан каяша айтууга оозум барбады, анын үстүнө ал деле биздин кыздын келечек бактысын ойлоп жатпайбы.

- Кудай деп туралычы, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту…

- Ай, билбейм досум менен таарынышып калам го, - деген Сарыбайдын тынчы кетип, эмне кылаарын билбей жатты. Ошол убакта үйгө кирип келген Кумарбү ыйламсырай:

- Кыз байкуш чоңойгондон кийин үйгө батпай калат тура, деги бардык эле ата-эне кызы чоңойсо ушундай кылат болду бекен? - деди кабак бүркөп, үнү дирилдей.

- Ээ, сары кызым, ата-эне баласына бакыттан башканы кааламак беле, сени жакшы жерден орун-очок алсын деп жатканыбызда эмне жазык? - деди Сарыбай кызын чекесинен өбө. - Ким гана өз баласына жамандык кааласын?

- Ата, шашпасаңар деле акыры болот эле го?

- Ата, эжем күйөөгө кетеби? - деп сурап ийди Мурат сырттан кирип келип.

- Буйруса күйөө балалуу болобуз, силер жезделүү болосуңар, тиги Өмүрбек кайда жүрөт ыя, андан кийин аны үйлөнтөбүз.

- Өмүрбек акем эшикте жүрөт.

- Чакыр бери!

- Азыр, - деп Мурат жүгүрүп чыгып кетти.

- Балдар чоңойгондо ата-эненин мойнуна дагы бир чоң милдет тагылат, ал уул-кызын татыктуу жерге орун-очок алдыруу. Кокус жайсыз жерге барып калсаң, биздин жаныбыз ачып кейип-кепчип, жаман абалда калабыз, - деп Сарыбай жай түшүндүрүп жатканда Өмүрбек кирди. - Балам, эшикте эмне жүрөсүң? Кумаш эжең жакында башка үйдүн босогосун аттап кетсе сени үйлөнтөбүз. Кана, менин айтканымды ойлондуңбу? - деп Кумарбүнү койо берип, Өмүрбекти карады.

- Жезде, мендей жетимге ким тиймек эле?

- Эмне дейт, биз турбайбызбы? - Сарыбай аны ормойо карап калды. - Сени минтип айтууга ким мажбурлады?

- Эч ким, өзүңөр деле Кумашты жакшы жерге барсын деп айтып жатасыңар го, элдин баары эле ошондой ойлойт да?

- Өмүрбек, - деп Уларкан мээримдүү жылмая жанына келди, - сени менин баламсың деп баксам деле болот эле, бирок сиңдимдин арбагын сыйлап, ата-апа дедиртпей өстүрдүм, энесин билип өссүн дедим.

- Баары бир дечи, мендей жетимди эч ким күйөө бала кылгысы келбейт, мен өзүмчө үй-жай күтүп, адам болмоюнча үйлөнбөйм! - деп Өмүрбек ички бөлмөгө кирип баратканда Сарыбай адатынча бак-бак этти:

- Үйлөнөсүң, сени керек болсо Кумаш кете электе үйлөнтөм, өзүм табам сага кызды!

- Макул үйлөнөйүн, эгер Кумашты мага бергиле десем болоор белеңер?! - деди Өмүрбек токтой калып. Сарыбай менен Уларкан дел болгондой бири-бирин карап алды да, Кумарбүнү менен Өмүрбекти алмак-салмак карап, ооздоруна сөз кирбей тура беришти. - Жо-ок, силер ысык чай бере турган, ата-энеси, байлыгы бар адамга бересиңер, ушундан эле түшүнсөңөр, мендейди эч ким тоготпойт!

- Өмүрбек, сен эмне деп жатасың, балам? - Уларкан эки колун алдыга созо аны көздөй басты. -Сен… сен…

- Таеже, бөлөлөргө шариятта жол бар дешет, эмнеге силер кыйбайсыңар? Ооба-а, мен түрмөгө отурдум, силердин тилиңерди албадым, анан дагы томолок жетиммин да, ошондуктан силер мага кызыңарды бербейсиңер. Анан башка бирөө мендей аяксыз немеге кызын берет беле?! - деди да, Өмүрбек кайра артына кайрылып, сыртка чыгып кетти.

- Бул бала соо эмес, - деп аялын караган Сарыбайдын оозуна башка сөз келбей, төргө шалдая отуруп калды.

- Ой, кыз, Өмүрбектин бул эмне дегени? - деп Уларкан эми кызына кайрылды. "Бул балакет баскырлардын ортосунда бир сөз бар болуп жүрбөсүн", - деген ой келе түшкөн эле башына.

- Апа, мен дагы түшүнбөй калдым, ал жөн гана мисал кылып айтты окшойт, - деди Кумарбү апасын карай.

- Кумашта эмне күнөө, байбиче, ал биздин кызыбызга бардар адамдарды тандап жатканга эле айтты, бала неме ар кайсыны ойлонуп жатса керек, - деди Сарыбай ойлуу. Кумарбү атасына ыраазы болуп, өзүнөн күмөн санаган апасына таарына түштү: "Эмнеге апам менден күмөн санап жиберди, же өз кызына ишенбейби, мен кантип эле Өмүрбек менен сүйүү сөзүн сүйлөшөйүн, аны мен токтоттум го".

- Апа, ал өзүнө кыз тийбейт деп эле кыжаалат болуп жүрсө керек, ар ким эле өз баласын бактылуу болсун дешет, мен кимди бактылуу кыла алмак элем деп өзүнчө ойлонот да.

- Билбейм, кара көзүмдү каратып туруп, элге шерменде кылбасаңар болду, чырымталынан өз баламдай көрүп баккан бала мага ушул кепти кантип айтты десең…

- Кабатыр болбо, биз адегенде Өмүрбекке кыз издейли, ал жактырган кыздын ата-энесине астыртан сөз салалы.

- Ошентпесек Өмүрбектин арманы күч окшойт.

- Боло берет, али токтоло элек, жаш да.

Ошону менен эч кимиси үндөбөй калышты. Өмүрбек жана чыгып кеткен бойдон кайра кирбеди, кечки тамакка дагы келген жок. Сарыбайлар кабарын билбей кабатыр болуп, ойлонуп жатышты. Өмүрбек үйдөгүлөр уктагандан кийин келип, түн бир оокумда кирип жатып алды да, таң ата электе кийимин алып чыгып кетти. Эки-үч күндөн кийин Сарыбай Тейитбектин үйүнө барса, ал эшигинин алдында отуруптур.

- Ас-салоому алейкум, Тейит, ал-акыбал кандай?

- Келиңиз, жезде, отурам ушинтип, - деп Тейитбек тура калып, Сарыбай менен учурашты. - Келипсиз да акыры…

- Келдим, Өмүрбек келген жокпу?

- Келген, кечээ шаарга кетти.

- Эмнеге?

- Кайдан билдим, иштейм деди го.

- Айтып кетсе болмок экен, макул эми, аман болсо болду, анда мен кайтайын.

- Үйгө кириңиз дейин десем жашоом ушул, жезде, жалгыздык менен өмүр өтүп жатат, - деди башын жерге салган Тейитбек. - Чынаркан менен кошо менин бактым качкан окшойт.

- Ээ, бажа, сен өлгөндүн артынан өлгөн адамды көрдүң беле, өлгөндүн өзүнүн шору деп койот, тирүү адам жашоосун өзү улантууга тийиш. А сен жеңил экенсиң, андан көрө кеч болуп кала электе өзүңдү колго ал да, адам бол. Балаң болсо бой жетти, үмүтүңдү улаарың бар, ылайыктуу келин-кесек болсо үйлөнүп, Өмүрбекке арка-бел бол!

- Сиздерге чо-оң ыраазымын, баланы чоңойтуп койдуңар, арбак билет дегени чын болсо апасы дагы ыраазы болуп жаткандыр.

- Кой эми, менин айтканымды эсиңе ал, акыл үйрөтө тургандай жаш эмессиң, өзүңдүн эс-акылың деле кудайга шүгүр. Мен Өмүрбектин айтпай кетип калганынан улам келгемин. Баса, аны үйлөнтүп койсомбу дегем, ошону айтсам эле үндөбөй койгон, анан эрте туруп кетип калыптыр, - деп атка минди да, жөнөп кетти. Тейитбек аны узата карап туруп, уулунун айткандарын эстеди…

Өмүрбек мурунку келгенинде Тейитбек ичип алып мас болуп уктап жаткан, ал соолукканча күтүп отурду. Баш көтөрөөрү менен маңдайына келди.

- Бул эмне деген жатыш, менин атам тирүү туруп, жетимдей бирөөнүн колунда өсүп жатканымды ойлоп койбой жүргөнү бул болсо, мен эмнеге жашап жүрөм?

- Өмүш, сен… сен келип калдыңбы?

- Ооба, мени өз баласындай асырап, жетимдин кийимин кийгизбей багып жаткан адамдардын акылын укпай түрмө көрүп келдим, эмнеме эсирдим экен, кимге ишендим? - деп башын мыкчый жанына отуруп алып, көпкө ыйлады.

- Кечирип кой, уулум, мен мындан ары ичпейм, сен чоңойдуң эми, экөөбүз оокат кылабыз.

- Ата, сенин туугандарың барбы деги?

- Эмнеге?

- Эмнеге-эмнеге деп койосуң, сенин ушул абалыңды алар эч бир көрбөйбү, оңогонго аракет кылып, жардам бербейби? Менден болсо бириң кабар албадыңар, же менин тууганым жокпу? - деди Өмүрбек кыжырлана.

- Уулум, тууганың бар, менин апам деле бар, атам жок, алар көп эле аракет кылышты. Мен сенин апаңды унута албай ушул абалга түштүм, өлөйүн деп өлө албадым, сени барып көрүп келчү элем, аракка берилгенден кийин өзүмдү кармай албай калдым, - деп күңгүрөнө Тейитбек өйдө болду. - Уулум, мен мындан ары ичпейм, эми сен барсың, жашоону кайра баштайм, ишен мага.

- Ишенейин, дагы бир келгенимде ушундай акыбалда боло турган болсоң, анда дайнымды таптырбай кетем! - деп туруп, үйдөн чыгып кетип калды.

Тейитбек ушуларды ойлоно үйүнө кирди, көптөн бери жуулбаган кийимдерин жууп, идиштерин жууп, үйүн жыйнады. Андан кийин өзү жуунду, таза кийим кийип алайын десе бир да көйнөгү калбаптыр, жуулгандары кургаганча кечке күтүп, анан кийинип алып апасына барды. Көрүнүшү оңолуп калган уулун көргөн Жумабү кубанып кетти.

- Кел, балам, келгениң жакшы болбодубу.

- Эмне, менден түңүлүп калдыңар беле? Менин өз каалаганымды алып, адамча жашашымды каалаган эмес элеңер, тигине жетимчем таежесинин колунда өсүп бой жетти. Мени балам деп ойлосоңор, аясаңар барып, бир көрүп койот элеңер го? - деп бир тийди Тейитбек.

- Капырай, кичине отуруп, бирдеме ичип алып деле ачуулансаң боло, - деген Жумабү эне бөйпөңдөй калды. - Баланы жакшы өстүрсө уурулук кылбайт эле го, аның камалып да келген имиш, ошол сага жакшылык кылаар бекен?

- Ошонун баары силердин айыбыңар, бир барып койбодуңар, ошол бала меники, өлсөм артымда калчу бала! - деп бакырганда эжеси Бүбүкан кирип келди:

- Ой, эмне болуп кетти?

- Өлгөмүн, тирилип келдим, балам келип урук-тууганым барбы же өзүң жалгызсыңбы деп кетти. Ошол балам жыйырмага чыгып калды, бириңер мени кадыр кылып, Өмүрбекти көрүп койбодуңар.

- Ага өзүң күнөөлүүсүң, ичип жүрүп ал дедиби сени бирөө, алба дегенди алып өзүңдү-өзүң кордодуң. Ата-эненин кебин уккан бала жакшы болот, - деп Бүбүкан инисин жаман көзү менен карады.

- Силерге айткан кайран сөз, - деп Тейитбек колун шилтей кайра чыгып кетти. Жумабү алдастай артынан жөнөгөндө Бүбүкан:

- Ушунуң да адамбы, кайдагы бирөөнүн баласын балам деп, акылы жок десе, бузулган немени алып алат да, анан кайра бизге өктөө арткысы бар, - деп эшикке чыгарбай койду.

- Качанкыга сенин тилин менен баламды карабай койом, ыя? Сен дагы, ал дагы менин баламсыңар.

- Билем, ошондо ошол балаң билип жатабы?

- Билбесе да менин баламды капа кылганым жарабайт, сен болбогондо ошол аялын үйгө киргизип эле келин кылып алат элем, кайдагыны айтып жатып, сен жолдон чыгарбадыңбы? - деп эне кызына нааразы боло отуруп калды.

- Ооба, эми баарын менден көргүлө, анда мен күнөөлүүмүн, - деди Бүбүкан тултуңдай, элүүлөргө барып калса да апасына таарынган болду.

- Кызым, мен энемин, картайдым, Тейитбектин айтканын угуп, баласын алып келишибиз керек. Туура айтат, эч кимиси жоктой болуп барбай, кабар албай да койдук. Андан көрө Сейитбекти, Үзүрканды мага чакырып кел, - деди эне оор үшкүрүнө.

- Балдарды жиберип ийем, - деген бойдон Бүбүкан үйдөн чыгып кетти.

Бирок Сейитбектер ал күнү да, анын эртеси да келишпеди. Жумабү балдарынын ынтымагы жогуна, кайрымсыздыгына кейип кирип-чыгып жол карап кала берди. Арадан бир топ күн өтүп кетти.

Бүбүкан лакылдап агасы Сейитбекке барган, апасынын айтканын айтып келип, Сейитбекти көкүттү. Ошондо ал:

- Мен барып Тейитбекке жолугуп, адам болуп калганын көрүп келейин, - дейт.

- Ичип алып адам катарынан чыккан өзү, ошол кызды алба дегенибизге карабай алып алган дагы өзү, эми апам бизди күнөөлөйт. Ошондон көрө Тейитти биякка алып кел, аны үйлөнтөлү. Анан ага ал баласынын кереги эмне?

- Эми ал баласы экени ырас, аны эмне кылабыз, келсе унчукпай коюн-колтугубузга катабыз да.

- Ой, мен дегеле ошонусун уккум келбейт, аке. Андан көрө үйлөнсө балалуу болуп, алаксып калат беле дейм. Тилди албай сенден мурун үйлөнгөн, ушуну көрмөк, кайдагы бир кызга алданып, аны алып алган күнөө өзүндө эмеспи?

- Бара бер, мен азыр Тейитке барам, Үзүрканды деле дүрбөтпөй тим кой, апама балдар барат, - деп Сейитбек карындашын кетирип ийип, анан айылдын этек жагындагы жаңы көчөдө жашаган инисине жөнөдү. Ал келгенде Тейитбек эшик алдындагы тепкичте отурган. - Ийи, баатыр, түрүң оңолуп калган го? - деди короодон кирип эле.

- Ошо бойдон жок болгонум жакшы эле ушундан көрө, - деп Тейитбек түнөрө жер карады.

- Эмне кыл дейсиң эми?

- Эчтеке.

- Апама барыпсың го?

- Баргам, балам келиптир.

- Эмне дейт? Элиңди, тууган-уругуңду тап дегендир да таежеси. Аның уурулук кылып, камалып жүрсө кутулганча шашат да, - деди кекээрлүү үн ката. - Өзүңүн кебетеңди карачы, итче оонап, он беш жылдан бери кейпиң кетип бүттү. Эсиң болсо апамдын жанында болбойт белең, ал жалгыз жашап жатат.

- Балдарыңардан жөнөтүп койсоңор болбойт беле?

- Ой, уш-шу сен дагы түшүнбөйт экенсиң, жеңеңдин аркыраган кыялын билесиң го, балдарды ага жолотпос болду.

- Анда мен Өмүрбекти алып келип үйлөнтүп, апама караан кылып берейин, - деди Тейитбек кубана.

- Ой жинди, аны үйлөнтөм деп чабылтып-чачылтканы турасыңбы? Ансыз деле апам малды бизге ээ кылбай, энчиңерди бергемин деп, өзүнчө койчуга кошуп жүрөт. Сен малга тийишпе, ошончо баккан таежеси марттык кылып үйлөнтүп койоор, ошондон кийин алып кел, - деди Сейитбек апасынын бир аз малын кызганып.

- Көзүм тирүү туруп, эч кимим жоктой баламды бактырганым аз келгенсип, эми үйлөнтүшүн күтөт экенмин да. Кой, жолуң болсун, аке силерден акыл чыгат экен десе, кайра менин жалгыз баламды жээригениңер курусун, - деп Тейитбек ары карап кетти.

- Андай болсо тилди алып, ойлонуп иш кылбайт белең, ал өзү деле сенин балаң эмес деп жүрүшөт го?

- Ким айтты? - Тейитбек агасын чакчая карады.

- Эл да, кайдагы бир сойкуну алып алды деп жүрүшпөйбү. Эми жакшы эле өзүң каалагандай жашадың, мындан ары ойду-тоону сүйлөбөй, арагыңды коюп, адам бол, үйлөн. Жүрү апама баралы, кеңешип көрөлү, - деп Сейитбек жумшара сүйлөдү.

- Мен эми эч кимиңерге барып жалынбайм, силер үчүн өлгөндүн биримин, өз оокатыңарды кыла бергиле, - деп Тейитбек үйүнө кирип кетти. Сейитбек бир топко туруп, анан өз үйүнө жөнөдү.

Ошол бойдон Тейитбек эч жакка чыкпай үйүндө болчу. Бүгүн Өмүрбек келгенде кубанып, ата-бала кучакташып көрүштү.

- Кандай жатасың, ата?

- Жакшы, кудайга шүгүр, кир үйгө.

- Ушундай эле.

- Эмне биротоло келдиңби?

- Ооба, бир жолу чыктым, айткан жокмун, издеп калышы мүмкүн, мен кетишим керек, ата.

- Эмне болду, дагы бирдеме кылдыңбы?

- Жо-ок, атамдар үйлөн дейт, мага ким тиймек эле, туурабы, мен аяксыз бирөөмүн да, чынбы? Атам тирүү туруп, мага бир жылуу сөз айта албаса, же тууган дегенди билбесем, анан кайсы арыма үйлөнөм, кайсы кызга барып сүйлөйм?

- Уулум, детдомдо чоңойгондор деле үйлөнүп жатпайбы, сенин баккан ата-энең, мен турбайынбы. Тууган-урук дейсиң, сени азыр апама алып барам, ал сенин чоң энең, менде бир тууган деле бар, - деп ордунан тура калды. - Жүрү, балам, чоң энеңе алып барайын.

- Ата, мен азыр барбайм аларга. Шаарга кетем, ошо жакта иштеп, аман болсом бир беш-он жылдан кийин келээрмин. Сага жолугуп койойун деп эле келгем, - деп Өмүрбек жер карады.

- Шаарга барганда эмне иш кыласың, таанышың болбосо, же кесибиң жок, шаарга барбай эле кой.

- Жок кетем, - деген Өмүрбек артка кетенчиктеп, чыкмак болду эле Тейитбек өзүн абдан жаман сезип кетти. Өзү дагы аябай арыктап кеткен экен, үйүндө илип жээр эчтекеси жок, жаңы эле жумушка кирип, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан.

- Балам, келчи, боорума бир кысайын, ата-аңдын оозун урайын десе, зоңкоюп менден узун болуп калганын… - деп бооруна кысып, бир саамга турду. Көздөрүнө эрксиз жаш тегеренип, үнү каргылдана сүлкүлдөп туруп араң сүйлөдү. - Каралдым, мен сени өзүм карай албаганыма өкүнөм, сенин бир айткан сөзүңө баарын таштадым, сен үчүн өмүрүмдү берүүгө даярмын.

- Ата, ашыкча сөздүн кереги эмне, үйүңдө эчтекең жок экен, бул кебетең менен ачкадан өлөсүң го? - деди Өмүрбек зээни кейий. Ушул тапта жүрөгү сүйүүдөн жараланып турган жигит атасынын аянычтуу түрүн көрүп, жан дүйнөсү ого бетер жанчылды. - Мен кетейинчи, жакшы тур, тезирээк жолго чыгайын, - деп кобурай атасын далыга таптап койду да, шарт бурулуп, тез-тез басып чыгып кетти. Бир аздан кийин дүкөндөн тамак-аш алып келип, босогого коюп, үндөбөстөн кетип калды. Ушул жолу Тейитбек жаш баладай солкулдап ыйлады. "Мен алсыз эркекмин, алсыз болбосом уулумду өзүм багып албайт белем. Жок дегенде бир туугандарым ынтымактуу, ыймандуу болгондо эмне, ушул уулумду таежесине таштамак эмесмин", - деп эркек болсо да буркурап ыйлай берди. Күндүн өткөнү да оюна келбеди. Ал антип тагдырына таарына көзүнүн жашын көлдөтүп отурганда Жумабү кирди кейип-кепчип:

- Ээ, кудай, ушуларды төрөгөндө жаман болсун дедим беле, бири-бирине ырайымдуу болсо ушундай болмок беле?

- Апа, эмнеге келдиң? - деп Тейитбек бети-башын алаканы менен сүртө ыргып тура калды. Канчалык заманасы куруп турса дагы энесинин аппак саамайын, бырыш баскан бешенесиндеги мээримин, өзүнө деген жүрөк түпкүрүндөгү сүйүүсүн сыйлады. - Убара болупсуң да, апа.

- Өлмөк белем, кокуй, баарыңды эле канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрдүм эле, бири-бириңе кайдыгер болот деп ойлобоптурмун, балам, - деп эне уулун капалууда карап коюп, төргө өттү. - Деги өлөөрүмдө силердин жамандыгыңарды көрбөй, өз-өзүңөрчө түтүн булатып, бириңер үчүн бириңер күйүп, ынтымактуу бажырашканыңарды көрсөм арманым жок эле…

- Кам санаба, апа, мына мен өзүмдү карманып калдым, мындан ары адам болом, керек болсо сени өз колума алып багам. Уулум дагы келет, үчөөбүз оокатыбызды өткөрөбүз, кейибе, апа, - деди Тейитбек маңдайы жаркып, апасын колтуктан алып отургузду. Үй ичи көөнөрүп, өзүнөн-өзү түлөгөн төөдөй чуудасы чыгып, самсаалап калган. Кунары кеткен үй ичин бир сыйра тегерете карап алып, бурчта турган диван көзүнө чалдыкканда Чынаркан көз алдына келди. Ушул диванды алып келгенде ал бечара жаш баладай сүйүнүп: "Ай-ий, Тейит, аябай жумшак экен, эми жүк жыйганга керебет алып алсак болот эле ээ, айлыгыңды алдыңбы?" - деген эле. Кемпирдин көзүнө жаш кылгыра түштү.

- Балам, жалгыз турбай үйгө барсаң боло. Мен болсо силерди багып өстүрүп коюп, коколой калдым. Сейитбектин аялы балдарды мага жолотпойт, Бүбүкан менен Үзүркан өздөрү эне болсо дагы мени ойлоп койбойт. Картайганда жалгыз башым үчүн казан кармап, өлбөстүн күнүн көрөм, коңшу-колоңдордон уялып бүттүм. Бала-чакам туруп туубаган аялдай бир үйдө жалгыз калганым кантип болсун… - Эне өңгөчүн тарта муңканып ийди.

- Апа-а, мен турам го, сени жалгыз калтырбайм, совхозго жумушка кирдим, сени өзүм багам. Азыр, неберең бирдемелерди алып келди эле, ошонун алгач өз мээнети менен тапкан акчасына алып келгенин экөөлөп көрүп, ооз тийеличи, - деп бапыраңдаган Тейитбек апасынын алдына нандарды койду. Баштыктын түбүндө эт жүрөт, шашкалактап плитасын коюп, эт туурап тамак жасамак болду эле:

- Кой, уулум, кийим-кечеңди ал да, үйгө жүрү, жанымда бол, балаң келсе таап бараар, - деп Жумабү нандан ооз тийе ордунан козголду.

- Апа, тамак ичип алайынчы, кардым ачты.

- Балам, үйгө эле баралы, үйдү ачык таштап келе берипмин, жеңеңди билесиң, сандыгымды аңтарып кетпесин.

- Макул-макул, апа, кеттик анда, кийимди бир күнү келип, алып кетээрмин.

- Ботом, алып ал кийимдериңди, өзүм жууп берейин.

- Жок, апа, картайганда сага киримди жуудурбайм, өзүм жууйм. Жүрү кеттик, апа, үйдү кулпулап койойун, - деп эне-бала ээрчише үйдөн чыгышты. Баласынын бат эле макул боло койгонуна эне ичинен кудуңдай кубанып баратты: "Ээк, кудай, ичинен бирөө ырайымды берет экен да, Тейитиме аял алып берейин дагы колума алайын, картайганда жалгыз үйдө жатып өлбөйүн?!" деп ойлонуп баратты.

Ошондон тарта Тейитбек совхоздун майда иштеринде иштеп жүрдү. Аны көргөн агасы Сейитбек бир күнү келди.

- Сени беш жыл эмнеге окутту эле ыя, же ошол аялың өлгөндө дипломуңду кошо көмүп койдуң беле?

- Эмне болуп кетти?

- Кыйратып койгонсуп айтканын кара, дипломуң туруп кайдагы бир майда иштер менен алек болгонуң эмнең, жок дегенде бухгалтерликти сурабайт белең?

- Мен үчүн намыстанбай эле койгула, иштесем да, иштебесем да өзүм билем, силерге ысык-суугу кайсы?

- Эртең башты оорутпай директорго дипломуң менен кир! - деп оңураңдаган Сейитбек кайра эле кетип калды.

- Мени менен иштери канча? - Тейитбек жиндене сөгүнгөндө өзүн күнөөлүү сезе, балдарынын ынтымакта болушун тилеп, данакер болууга аракет кылган эне:

- Балам, чоң окууну бүткөн неме кара жумушта иштеп жатат деп, сени аяп жатса керек, анын айтканын түшүн, канткен менен агаң, садага, - деди аста гана.

- Агам болуп менин ал-акыбалымды билип, кыйын учурда карап койдубу, апа, же кыздарың, же балаң бир көңүл үчүн барып койбоду го?

- Кой, балам, кырк жылы кырылышсаңар дагы бир карында тебишип, бир казандан аш ичип, бир атанын тарбиясын көргөнсүңөр.

- Ошентсе да менин көңүлүмдү оорутуп койду алар, - деп Тейитбек сыртка чыгып кетти.

- Ээ, жараткан, ушулардын мамыр-жумур болуп, бири-бирине ага-ини, эже-карындаштай мамиле жасашканын көрүп өлөөр бекенмин, - деп эне өзүнчө күбүрөнө үшкүрүп отуруп калды. Тейитбек эми үйлөнүүнү көздөп, кыз-келиндерге көз сала баштады. Өз боюн тыкан алып жүрө баштаган аны айылдашы Айымбү жактырып калды. Ал жыйырма сегиз жаштагы күйөөдөн чыккан келин, бир баласы бар. Тейитбек кырк экиде болгонуна карабай жаш көрүнчү. Келин аял башы менен өзү озунуп айтуудан намыстанып, арзуусун ичине катып жүргөндө анын оюндагысын билип койгондой эле бир күнү Жумабү үйүнө келди. Кары ойлонуп отуруп, Чаргындын күйөөдөн чыккан кызы бар экени кылт эте эсине түшкөндө кудуңдап жөнөгөн эле.

- Оо, жарыктык, келиңиз, - деди Чаргын аны көрүп утурлай баса.

- Келдим, айланайын, жакшы турасыңарбы?

- Шүгүр, эне, бу келчү эмес элеңиз, үйгө кириңиз, - деп кол жаңсай ичке киргизди.

- Келдим, садага, кардың ачса карындаш уула дейт эмеспи, атайын эле келдим, өзүң бөлөк-бөтөн эмессиң, иним болуп дагы кетесиң, сөзүмдү кайтарбас деп басып келдим.

- Келгениңиз го жакшы, табышмактатпай эле айтыңыз, жарыктык, - деген Чаргын аялына чай алып кел дегендей карады. - Келип калыпсыз, жай отуруп, даам сызып, анан сүйлөңүз.

- Ээ, Чаргын, айланайын, сен Тейитбегимди билесиң да, - деп Эне жүлжүйгөн көздөрүн кадай аны карап калды.

- Билбей анан, Тейитбекти билем.

- Анда ошол уулумдун аялынын өлгөнүнө он беш жыл болду, ошондон бери курган бала үйлөнбөй жүрөт, сенин кызың бар…

- Ой, эже, эгерде кызым макул десе мен сизге жок дебейм.

- Кагылып кетейин десе, сенин ушинтээриңди билгемин, жеңеси менен жиберейин, кызды көрсүн, кызың аны көрсүн. Эгерде бири-бирине жакса, эртелетип эле киргизип алайын, айланайын, - деди да, бир чыны чай ичип эле үйдөн чыкты. Короонун оозунда туруп да экөө көпкө сүйлөштү, эмнени сүйлөшкөнүн ким билет, бирок бир жумадан кийин эле Тейитбек үйлөндү. Чынында Айымбү ак саргылынан келген татына келин болчу, айтор Тейитбекке жакты. Жумабү келин жумшап, оңуп эле калды. Тейитбек үйлөнгөндөн кийин дипломун көтөрүп барып, совхоздун директорунан иш сурады. Директор аны бухгалтерлик кызматка, балдардын пособиясына жоопкер кылып дайындады,. Айымбү үйдө кайненесин карап, үй жумушу менен алек. Сейитбектин аялы Гүлайым келиптир бир күнү.

- Келиңиз, жеңе, үйгө кириңиз, - деп Айымбү кичипейилдене үйгө карай кол жаңсады.

- Опе-ей ой, кечээ келип төр меники деп, ээ болуп калдыңбы ыя, кирсем да өзүм билем бул үйгө, өзүмдүн эле үйүм.

- Жеңе, унчукпай койсом да айтмаксыз. Кириңиз дегендин эмнеси бар? - деди Айымбү тырчый.

- Оо кокуй, сен бул үйгө ээ болгуча далай бар, а мен бул үйдө бала төрөп өстүрдүм, кайнатамдын жакшы көргөн келини элем, мына бул кайненеме эле өмүрү жакпай койдум, - деп Гүлайым Айымбүгө шыбырай калды. - Тиги желмогуз барбы үйдө?

- Аа-а, апамбы, бар.

- Апа деп койот, ошону апа дегиче, - деп Гүлайым босогого токтой калды да, абысынын акырын капталга нукуй сүйлөп кирди. - Сен али биле элексиң, акыры-ын көкүлүңдөн сылап-сылап келип, анан бир күнү жыландай чагып ала-ат.

- Азырынча эне-баладай элебиз.

- Ыкы, - деп оозун түйрүй ээликтеп койду Гүлайым. - Андан көрө өз үйүңөргө бөлүнүп кеткиле, сыйлуу кезиңерде.

- Кызыксыз го, жеңе, карыган кемпирди жалгыз таштап кеткенибиз болмок беле.

- Өлбөйт андан, өлсө эмдигиче өлбөйт беле, - деген келин астананы аттап үйгө кирди. - Ийи, апа, отурасың?

- Отурам, кел, балам.

- Келиниңиз менен мамыр-жумур болуп эле отурасыз.

- Ботом, менин келин менен өйдө-төмөн болгонумду качан көрдүң эле? - Эне улуу келинин оңурая карады.

- Билбейм-билбейм, канчага чыдаар экен Айымбү? - деп Гүлайым кытмыр күлүп койду.

- Ой, Гүлайым, сен баягы ит кыялыңды ташта, сага да өзүмдүн кызымдай эле карадым, өзүңдөн-өзүң тейтеңдейсиң да турасың. Катын карыбайбы, каны коюлбайбы деп, ушулардын улуусу силерсиңер, баш-көз болсоңор боло. - Жумабү ачуусу келе сүйлөдү.

- Эмне кылып жатам, Айымбү сүйүктүү келин болуптур деп угуп эле көрөйүн деп келгем.

- Жакшы болсоң башында, кашында болот элең, ушуну киргизээрде атайын кетип калыпсың. Баламдын да кадырын кетирип бүттүң, сендей аялдын айынан жоро-жолдош күтпөй, бир туугандарынан алыстап отурат. Жакшы катын кут, жаман катын жут дегендей бир туугандарды энесинен бөлүп койдуң! - деди Жумабү эне муундары калчылдай.

- Балаңды мен эмне кылыптырмын, өзү эле ошентип жүрбөйбү, ырайымдуу бала кылып тарбиялай албаган өзүңдө күнөө, - деп Гүлайым оозунан көбүк чачырата алкынып кирди. - Балаң өзү эш-шек мээ, дагы ошол көк мээни бала-чакалуу кылып сүйрөп жүргөн мага ыраазы болбойсуңбу ыя, как баш!

- Ой-ой, Гүлайым, оозуңа карап сүйлө, мен как баш эмесмин, ай чырактай уул-кыздарым бар!

- Ыкы, ошолор сени эне деп кадырлап койот бекен? - деп тура калып, - Эш-шек баш балаңды азыр жөнөтөм, жөнөтпөсөм элеби Гүлайым атым өчсүн, мени Гүлайым деп койот, - деп сөөмөйүн чычайта кыйкырып чыгып баратканда Бүбүкан менен беттеше түштү.

- Эмне болуп жатат биерде, үнүңөр алда кайда угулат да?

- Эмне болмок эле, апаңарды билбейсиңерби?

- Апама асылганыңды карыганча койбодуң, же биротоло кетип жоголбодуң, ушу силердин азабыңар өттү!

- Мен эмне кылып жатам, мени силер жогото албайсыңар, жанагы эшек башты айдабасамбы?! - деп аңкылдап босогодон аттап баратканда Бүбүкан аны кармап калды.

- Эмне деп жатасың, эшек баш менен отуз жылдап эмнеге жашап жүрөсүң ыя, балдарды бетиңе кармаганды коюп, баарын ташта дагы өзүң жогол! - деди жини келе.

- Менин жети балам жети бөрү, алар энесин таштабайт, оңой кетирем деп турасыңарбы? - деп Бүбүкан экөө бири-бири менен жулмалаша баштаганда Айымбү ортого түштү.

- Эже, жеңе, болду эми, урушпагылачы.

- Сен ары турчу, кечээ келип төр меники деп, арачы түшүп калдыңбы, кечээ эле Чаргындын эшигинде эрге тең болбой келип жүрбөдүң беле? - деп аны Гүлайым ары түртүп ийди.

- Чыкчы эшикке, ага эмне асылып жатасың? - деп Бүбүкан жеңесин эшикке түртүп чыгарып жатканда короонун оозунан Тейитбек көрүндү.

- Эмне эле ызылдашып жатасыңар, элди карагылачы, эшикке чыгып таңгала карап турушат, - деди ал аларды көрүп ачуулана.

- Ийи, күнөө менде бекен, кечээ келген сенин катының менен эжең мени жулмалап жатат. Ушунун баарына жанагы шүмшүк энең күнөөлүү, жети бала төрөп кадырым жок, өлөөр өлгүчө асылып жүрүп өлө турган болду! - деп айкырган Гүлайым жоолугун оңдоп, халатын түздөдү да, короодон чыгып баратып, халатын айрып, бетин өзү тырмагы менен тытып туруп, өңгүрөп жолго чыкты. - Мындайды кайдан көрдүңөр эле ыя, мени кайненем кызы менен келинине жамандап жулмалатып койду! Жанагы салпаяктыбы шашпа, үстүндөгү кийими менен куубасам элеби! - деп өңгүрөй эки-үч көчөдөн аркы үйүнө келди. Сейитбек анын кейпин көрө коюп:

- Эмне болду сага? - деп үтүрөйө карап, утурлай басты.

- Эмне болду деп койот, эш-шек мээ десе, энең өлбөй бизди бөлүп-жарып өлтүрөт го? - деп кайдагы калпты айтып, алкылдап жатты Гүлайым.

- Кой, сен менин апам менен отуз жылдап ынтымакка келе албадың, мен үйдөн кетем, сени менен кала турган балдар калсын, мени менен кеткенин алып кетем, сот менен ажырашалы.

- Эмне, сен ажырашам дейсиңби? - Гүлайым күйөөсүн алая карап, ишенип-ишенбей туруп калды.

- Ошол, өмүр бою эшек баш эр менен жашап тажадың, сен дагы өзүңчө жашап көр. Сен деп энемди карабадым, жалгыз тамда канча жыл жашады. Жетишет, Гүлайым, сен мага ыраазы бол, кеттим мен, - деп ордунан турганда кайрадан Гүлайымдын кыялы кармап, эрине атырылды.

- Кетсең кете бер, селпейип келбесең болду бир күнү. Балдардын бирине тийишчү болбо, алар сенин алжыган энеңдин үйүнө барбайт, - дегенде улуу баласы Топчубай кирип келди.

- Апа, бала болуп эсиме киргени атамды эшек баш деп келе жатасың, эмнеге тынч жашай албайбыз? Башка үй-бүлөнү көп эле көрдүм, бир жолу атамды адам катары сыйлап койсоң боло, - деди жини келип, - башкалардын энелери сендей болуп күйөөсүн урушпайт, дагы атам чыдамкай экен.

- Ии-ий атасын тарткан арам!

- Атам жакшы, сен жүдөтүп бүтүрдүң!

- Атаң жакшы болсо, бар, кошо кет, сүйрөлгөн энеңер силерди жыргатып ийээр бекен? - деп адатынча ээликтей ичкери кирип кетти, кирип алып да идиш-аякты каңгыратып, сүйлөнүп жатты.

- Кой, балам, апаң менен айтышчу болбо, кандай болсо дагы ал сенин төрөгөн энең, эне ыйык болот, - деди Сейитбек башын жерге салып. - Силер мында боло бергиле, мен мындан ажырашпасам болбойт, - деп башын жерге салган бойдон короодон чыгып баратканда Топчубай:

- Ата, ойлонуп көр, бирок мен силерге акыл айталбайм, - деп ары басып кетти.

Сейитбек көчө менен жай басып апасына, өзү чоңоюп өскөн үйүнө келди. Ал Бүбүкандан эки жаш улуу, элүү экиде, көп сүйлөбөгөн, өтө оор басырыктуу киши. Өмүр бою Гүлайымдын өзүм билемдигине, каратып туруп калп айтканына, энесин жөндөн-жөн эле күнөөлөй бергенине да көнүп бүткөн. "Аттиң, тагдыр чиркинге даба жок экен го, ушундай тажаал аялга бешенем байланды, аргам канча-а, - деп асманды карап, оор дем алып алды. - Момун, эзели бир адамга жаман айтпаган апамды как баш деп келди, унчукпадым. Бул не деген адам эле, балдарымды кыйбай жашап келдим, бир ыраазы болбоду, канткенде эсине кирээр экен деги бул?" - деп эшиктин алдында ары-бери басып жүрө берди.

- Байке, качан келдиң, үйгө кирбейсиңби? - деди Тейитбек чыга калып.

- Кирем…

- Жеңем бардыбы?

- Барды.

- Эмне деди?

- Айта жүргөн сөзү да…

- Байке, ошого чыдап жүргөн сен жолборс экенсиң да-а, - деп Тейитбек агасынын жүрөгү эзиле санаага чөгүп турганын билбей жылмая карады. - Байкайсыңбы, байке, анын акылы тайкы го дейм?

- Ошондойдур.. .

- Кызык, жан дүйнөңдүн ооруганы менен иши жок, оозуна келгенин сүйлөй бергенин кантесиң, эми Айымбүнү боктоп кетиптир.

- Баягы ит кыялы да.

- Кир, байке, тамак даяр болуп калган.

- Мына, - деп Сейитбек үйдүн босогосун аттап кирип келе жатып: "Чиркин, аял эрден чыкса төркүнүнө келет дечү эле, мен эркек башым менен жаман аялдан кутула жаздап, туулуп-өскөн үйүмө өзүм келдим ээ. Бакыт бирөөлөргө жылмайып келсе, бирөөнө сыртын сала ачылбаган сандык сымал, мээнет менен ачсаң ачып ал, ача албасаң өз убалың өзүңө деп тургансыйт. Мен чыдабай картайганда чыгып кеттим, балким туура эмес кылгандырмын", - деп ойго бата туруп калды. Артынан келаткан Тейитбек:

- Байке, кирбейсиңби, эмне болду? - дегенде Сейитбек астанадан бутун тартып алды.

- Кел, балам, - деди Жумабү баласын көрүп, эмелеки жаңжалга өзүнчө кыжаалат болуп турса дагы, жүзү жаркый.

- Келдим, - деп Сейитбек төргө отурду. - Мен биротоло келдим, апа.

- Эмне дейт, ботом?

- Ошол, тажадым келиниңден.

- Олда каран гүн ай, - Жумабү эненин ууртундагы алсыз жылмаюусу суу сепкендей өчүп, тунжурай отуруп калды. Айымбү тамагын алып келгенден кийин чогуу тамактанышты. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок. Эне-бала гана көпкө сүйлөшүп отурду. Тейитбек менен Айымбү өз бөлмөлөрүнө жатканы кирип кетишкен.

- Айым, - деди Тейитбек келинчегин кучактап өөп.

- Оов.

- Сен капа болгон жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Жеңемдин сөзүнө.

- Ой, койчу ай, анын кандай аял экенин айылдагылардын баары билет, таарынмак турсун уккан жокмун деп эсептеп койом.

- Алтыным десе, сендей аялга жолукканыма ыраазымын.

- Ыраспы?

- Ырас айтам.

- А мен сени кудайым пешенеме жазып койгонуна кубанам.

- Чынбы?

- Ананчы, анткени сени адеп көргөндө өзүм сүйүп калгамын.

- Койчу?

- Кантип ишендирсем экен, мен кантээримди билбей, аялдык намысымды катуу тыйып, зорго жүргөнүмдө апам барып калды. Адегенде сенин апаң экенин билбей, дагы кайдагы немелер келе калды эрге тийбейм деп өзүмчө жиним келген.

- Анан?

- Анан сенин апаң экенин билгенде ой бир сүйүндүм дейсиң.

- Жаны-ы, чын айтасыңбы ыя? - Экөө бек кучакташа төшөктө ооналактап жатышты.

- А сен мени жактырдыңбы же апамдын айтуусу менен эле үйлөнүп алдыңбы? - деп Айымбү эркелей наздуу шыбырады.

- Мен сени көргөндө эле жым дедим, апам сураганда калп эле токтоо түрүм менен "болот" деп койдум, эми минтип коюнумда жатасың.

- Акемдин биротоло келгени чынбы?

- Ким билсин, алар өздөрү билет, жаш эмес, жети эркек баласы турат, агама акыл айтып өлө албай жүрүпмүнбү, менден он жаш улуу, - деди Тейитбек келинчегин кучагынан чыгарбай.

- Уулум, - деди Жумабү көптө барып, - акылсыз аял азаматты карып кылат экен. Балдарыңды кыйбай ушунча жыл жашадың, балдар бой жетип баратат, ойлон, кагылайын. Желдеңдеген жаш жигит эмессиң, эми урмат-сыйдын үстүндө отураарда үйдөн безгениң туура эмес го?

- Апа, сени өмүр бою жамандап келе жатат, сенин бирөөгө акырая караганыңды, же бирөө менен урушканыңды көрбөгөм, анан эле сага асылат да турат. Сен келиниңе асылсаң жолу бар эле кайнене деген, ал тескерисинче болуп жатпайбы, уруп да көрдүм эшек баш дегени үчүн.

- Ээ, балам, мага эмне, төрүмөн көрүм жакын калды, мага жасаганын өз келиндеринен көрөт. Жети келинге түтүп көрсүн, ошондо билет менин баркымды, ошондо сезет чоң күнөөсүн. А сенин жолуң башка, балам, эрди-катын деген урушат-талашат, кайра жарашат, кайра табышат. Эсиң барда этегиңди жап да, үй-бүлөңө кайт, балам, - деди эне ойлуу.

- Апа, отуз жыл жашаган аялдан жылуу сөз укпасам, балдарды деле каргап-шилеп урук-тууганын тарткан жиндилер деп кыйкыра берет, - деди Сейитбек нымтырай. - Көңүлүм катуу калды, апа.

- Ал ошентип жүрүп жинди болот, балам, сенин уругуңда жинди жок, ата-бабаң момун адамдар болчу. Сен кетип калсаң ал акылдан тез эле аза турган аял, өзүн өлтүрүүгө чейин барат. Баргың келбесе дагы ажырашканга арыз жазбай койо тур, балам, андан көрө кайын журтуңа барып акыл сал, - деп Жумабү эне салмактуу сүйлөдү. Сейитбек үндөбөй ордуна кыңкайып жатып калды. Ошондон тартып ал эч жакка чыкпады, кайнатасына да барбады, артынан балдарынын үчөө келип алды. Эң улуусу жыйырма бирде, эң кичүүсү төртүнчүдө окуйт. Гүлайым үйүнө кирип-чыгып сүйлөнүп жатканда апасы келди, короодон кирип келе жатып эле кызынын сөздөрүн угуп келе берди.

- Өлүгүңдү көрөйүн эшек баш десе, ошол как баш энеңе канча күн батаарыңды көрөм, мени элге шерменде кылгысы бар, жөн болсо эри таштап кетти деп айтаар, андан менин кылым да кыйшайбайт! - деп алкына үйдөн чыга калып, апасын көрүп, чочуп кетти.

- Апа, сен качан келдиң?

- Келдим, Сейитбек кайда?

- Албы, ал… ал үйдө жок эле, - деп мукактанып калды Гүлайым.

- Кыз экендеги кыялым, катын болгондогу каадам дегендей, ойдо осурган артың тоодо да осурат экен го. Отуз жылдап жашаган эриңдин эшек баш экенин билсең жети баланы төрөгүчө эмнеге отурасың ыя, энеси сен үчүн как баш болсо биз кимбиз? - деди Барчакан кызын акырая карап.

- Эмне болуп кетти, ал силерге барып даттандыбы?

- Ким даттанмак эле, Сейитбекти жакшы билем мен, ал жаман аял үчүн арызга отурчу жигит эмес, катын карыбайбы, каны коюлбайбы деп, сен элүүгө чамалап калдың, эс-акыл тутсаң боло?

- Койчу эми, апа, Сейитбек эми эле чыккан, келип калаар, кирчи үйгө, - деп далбастап калды. Атасы Оморбек менен энеси Барчакан балдарын катуу кармачу, ушул Гүлайымдын гана бала кезинен тили уу, алкынган кыялы бар эле. Анда-мында келгенде анын мындайын билгизбей Сейитбек жууп-жайып тосуп алып, коноктоп узатып койчу. Эне бир эле жолку кызынын сөзүнөн улам баарын түшүндү. Ал өзү абдан наабаттуу аял эле, келиндерине кызындай карайт, кудагыйы Жумабүнү да жакшы билгендиктен өзүнөн-өзү уялып турду. Унчукпай үйгө кирип отуруп калды. Үй ичи жыйнактуу эмес, шалаакы аялдын колу сезилип турат. Барчакан кабагын чыта эки жагын каранып, ойлуу отурганда кыйпыктаган Гүлайым чай коюп жүрдү. "Атам укса менден кечип кетет, Сейитбек бирдеке десе анда өлдүм. Картайганча ушул кыялым калбаган чынында акылсыз аял окшойм, Сейитбек ушул бойдон келбесе анда кантем? Ага апам келди деп, балдарды жөнөтсөм окшойт", - деп апасынын үстүнө кире албай кайсактап турганда үйгө ортончу уулу Жакшыбай кирип, таенесине учурашып отуруп калды.

- Тайне, апам болсо атамды кубалап ийди.

- Эмнеге, кокуй, ичпесе же чекпесе, аны кайсы күнөөсү үчүн кубалайт, экөө урушту беле?

- Атам урушпайт, тайне, апам атамды киши дебейт, үйдө болсо эле эшек баш деп жемелей берет, сиз таятамды ошентчү белеңиз?

- Жо-ок, кагылайын.

- Анда апам атамды ошентет, элден уялабыз биз деле, чоң энемди болсо как баш энең, желмогуз энең дейт. Аны эмнеге айтат билбейм, ага бизди такыр жибербейт, - деп он алтыдагы жээн небереси башын жерге салып айтып отурганда эненин жети өмүрү жерге кирди. Үнсүз зыңгырап угуп отурду да, ордунан туруп эшикке жөнөгөнүн Гүлайым көрбөй калды. Жакшыбай таенесин ээрчитип, чоң энесиникине барды. Эшиктин алдында аркы-терки басып жүргөн Сейитбек кайненесин көрүп, ылдамдай басып тосуп алды.

- Келиңиз, апа.

- Келдим, балам, кудагыйга учурашайын деп эле келип калдым, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, атамдар жакшы жүрөбү?

- Кудайга шүгүр, балам, - деп сүйлөшүп турганда Топчубай менен Жаңыбай келип таенесин кучактап калышты:

- Тайне, качан келдиңиз?!

- Айла-анайындарым десе, силер дагы биердесиңерби, чоң энеңерди сагынгансыңар го, кудагый үйдөбү? - деп балдарды өөп, анан үйгө басты. Сейитбек эшик ачып, кайненесин үйгө киргизди.

- Кире бериңиз, апам үйдө.

- Келиңиз, - деп алдынан Айымбү чыгып тосуп алды.

- Жакшы жатасыңарбы, айланайын?

- Жакшы-жакшы, келиңиз, - деп келин Жумабү жаткан бөлмөгө баштап кирди. - Апа, киши келди.

- Кудагый, жакшы жатасыңарбы?

- Кел-кел, кудагый, кудайга шүгүр, кел өйдө өт, - деп Жумабү өйдө боло кудагыйы менен жакшы маанайда учурашып, Айымбү калыңдап салган төрдөгү төшөккө өткөрдү.

- Кандай, кудагый, күүлүү-демдүү турасызбы?

- Шүгүр, жакшы эле турабыз, куда жакшы жүрөбү, бала-чака, неберелер чоңоюп жатабы, айланайын?

- Жатышат, кудагый, баары жакшы, - деп Барчакан кудагыйынын муңайым, токтоо сүйлөп, жооп берип отурганына ичтен тына: "Ушундай жакшы адамды как баш деп сүйлөп кусурга каласың го, курган кызым, түбү ооз кесириңди тартаар бекенсиң. Башка немелер болсо кызың мындай, кызың андай деп эмдигиче ар кайсыны айтышмак, ошентсе да угууга мажбур болот элем. Анткени менин төрөгөн кызым эмеспи, баланы төрөйсүң, кыял-жоругун кошо төрөбөйсүң деген туура экен да. Эл караган бетимди жер каратпай турган кылып, оозун басып кетейин", - деп зыңгырай отуруп калды. Илбериңки кыймылдап кирип-чыгып жаткан келинди көрүп: "Бечара жакшы келин экен, кудагыйга жакшы болсо керек", - деп ойлоп койду.

- Кудагый, чайга кара, - деди Жумабү. - Качан келдиң?

- Бүгүн эле, учурашып келейин деп эле келдим, эми биз картайдык, кудагый, балдардын амандыгын көрүп-билип турганга не жетсин.

- Ооба десең, картайбай анан, күн батаарына жакындап балбал жанып, караңгы түн жамынаарына аз калгандай, өмүр шамы бүлбүлдөй баштады. Биз бул жашоого куру келбедик, жердин ээсин, адам тукумун көбөйтүүчү уул-кыздарды өстүрдүк, ошолордун демине семирип жашап, басып жүрөбүз да. Биз ырыстуу карыларбыз, кудагый, - деп Жумабү жылмая сүйлөдү. - Өмүрүбүз өкүнбөөчүдөй өткөн эң бактылуу адамдарбыз.

- Туура айтасың, кудагый, - деп Барчакан чай ууртамыш болуп отуруп калды.

- Биз укса-укпаса дагы болгон демибизди жумшап, балдарга акыл-насаат айтып өтүшүбүз керек.

- Анан эмне, ата-эненин милдети ошол тура.

- Чай ичиңиз, - деп сыпайы караган Айымбү Барчаканга кайрылды.

- Ичип жатам, садага, баса, кудагый бул кичүү келиниң го?

- Ооба, Тейиттин аялы.

- Болсун, кудагый, болсун.

- Рахмат, - деп Жумабү Айымбүгө карады. - Балам, кудагыйга тамак ас, кең-кесири отуруп тамак ичип кетсин.

- Жок, кудагый, убара болбогула, мен кайра эле кетем.

- Ошо да болчубу, дос айрылат, сөөк кайрылат дегендей биз кайрылчу адамдарданбыз, мына булар турганда бири-бирибизди сыйлаганга гана акылуубуз, кудагый. Аса бер, балам, кудагый отуруп кетет, мен деле эзилип бышкан өрүктөй болуп турам, канчага чейин көрүшпөйбүз кудай билет, - деп Жумабү болбой отургузуп койду. Бул убакта Гүлайым апасынын кайненесиникине кетип калганын угуп, тынчы кетип жатты. Үйдөгү балдарын каарып:

- Өлүп кана кеткирлер, атаңарды мактап болбой каласыңар да, айтканда эмне таптыңар эми, жанагы эшек баш атаң менин балакетимди алып жамандап жаткандыр.

- Апа, атам сен эмес, алар эчтеке айтпайт, бирөөнүн үстүнөн жаман ойлогонуң эмнең? - деп Жакшыбай бурк этти, ал таенесин киргизип коюп, баса берген болчу.

- Ооба, жанагы желмогуз энеңер оозун баспай, жаагын жанып жаткандыр, ушулардын азабын тарттым!

- Эй, апа, чоң апам канча жолу сени ушактады, сен канча сүйлөп жатсаң да үндөбөй кутулушат. Билесиңби, апа, үндөбөгөн үйдөй балээден кутулуптур дегендей да, - деп жини келе короодон чыгып кетти.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, жаман атасын тарткан келесоо, - деп Гүлайым сүйлөнүп кала берди.

Барчакан кеч күүгүмдө кудагыйыныкынан чыгып, кызына келди.

- Кудагыйыңдын сыйына ээрип ушунча отурдуңбу, апа? - деди жарылып кете жаздап зорго турган Гүлайым.

- Сен сыйды билесиңби, сүйлөбөй кир ары! - деди Барчакан ачуусу келип, артында келе жаткан Сейитбектен уяла. Гүлайым күйөөсүн көрүп, ээгин түйрө ары кирип баратып: "Ары жок, эмнеге келди, апамды ортомчу кылып, бетин чымыратып келип алганын", - деп ээликтеп койду. Ал эми Сейитбек кайненесинен тартынып, калып кала албай сыр билгизбей келген эле.

- Ата, биротоло келдиңби? - деди чоңураак баласы.

- Сизди апам кууп ийди эле го? - деди бала неме оюнда эч нерсе жок балалык сезими менен.

- Кой, балам, мен апама жардам бергени бардым, - деп өзүн ээликтей карап турган аялын жини келе карап үйгө кирди.

- Апаңдын бүтпөй жаткан эмне жумушу бар экен? - деп Гүлайым оозун тыялбай айтып жиберди эле Барчакан бурула калып:

- Болду, ой кыз, уят барбы сенде? Мына келин алганы калдыңар, балдарың катар-катар өсүп келе жатат, эсиңе келсең боло, сендей баланы тууганыма уялганымдан өлө жаздадым! - деди.

- Ийи, өлө тургансып жамандашты да, ушулардан жакшылык күтүп жети бала төрөгүчө жүрө берген мен айбан, - деп Гүлайым өзүнөн-өзү булкулдады.

- Сен жөнүндө айтып-десе кана, айтпай өлтүрдү, шерменде, кебез менен мууздады мени! - деп Барчакан кызын жаакка чаап жиберди.

- Апа, кой капаланбаңыз, ал сүйлөй берет, көнүп да калдык ага, отуруңуз төргө, - деп Сейитбек кайненесин колтуктай төргө өткөрдү. - Сиз капаланбаңыз, балдар турат, эсине келбей кайда бармак эле, үй болгондон кийин анча-мынча болот экен, ага кыжаалат болбоңуз.

- Кантейин, Каныкейдей аял элем, ушул кыздын айынан сынып отурам, жакшынын жанында отуруп, кадырын билбей жакшы жашоону башка жактан издеген, кем акыл. Төрөдөй эриңдин кадырына жете албасаң, анан кимден кадыр-барк күтүп, кимден сый көрөсүң? - деди эне ичиндеги ачуусун чыгара.

- Эмне кылып жатам деги, элүүгө чыгайын деп калсам дагы баса калып уруп, ушунун алдында басынтасың да, - деп Гүлайым балбалактап ыйлап кирди.

- Гүлайым, апамды бир келгенде капалантпай эле койчу, - деди Сейитбек.

- Сен сүйлөбөчү!

- Болуптур, сүйлөбөй эле койдум, - деп жер карап отуруп калган Сейитбекке Барчакан кайрылды:

- Балам, эми мен сага айтайын, сага бирдеме деп атырылса эле буту-колун сындырып, тишин чак дагы үйгө жеткирип бер, ошондо сазайын тартсын.

- Ошентип кайрагыдай өгөй энем эмессиң го, апа! - деп Гүлайым таңгала Барчаканды карады.

- Сага ошол керек, катын болгуча акылыңа келбесең ошондой кылыш керек, ө-өөх, - деп Барчакан үшкүрө отуруп калды.

Аерден Гүлайымдын жасаган тамагын ичкенден кийин Барчакан жатып эс алмак болду, Сейитбек акырын кайра кетип калды. Эртең менен Гүлайым сыртка чыкса Сейитбек эшиктин алдында жүрүптүр, бир карап коюп, дааратканага кирип кетти. Кайненесин узаткандан кийин үн-сөзү жок кетип калганын көрүп, ичинен жини келгени менен апасынын айтканын эстеп эчтеке дей албады. Үйүнө кирип, жатып алып көпкө ойлонду. Балдарынын не ичип, не жегенин билбей жата берди. "Мен ажырашкыдай жаш болсом бир жөн, ушул жашымда балдарымдан алыстап төркүнүмө баргылык кылбасын. Кой, кайненемдин алдына барып, кечирим сурайын, күйөөмдөн да кечирим сурап үйгө кайт дейин. Антпесем элге-журтка кеп болот окшойм", - деп ойлонуп, кечке маал жакшы чоң жоолук менен көйнөк-чапан алып алды да, кайненесинин үйүн көздөй жөнөдү. Короого кирип баратып жүрөксүй түштү. Бир туруп: "Мен аларга жалдырагандай болуп келгеним кандай? Табалап күлүшсө кантем? Жо-ок, күлсө дагы ушулар күлсүн, эл күлгөнчө. Балдарым үчүн жасап жатам бул кадамды", - деп ойлоно чечкиндүү кирип барды.

- Алтын апакем го менин, мендей эси тайыз келиниңди кечир, апа, - деп бетинен өөп, баштыгындагы жоолугун башына салып, чапанды үстүнө жаап, көйнөктү алдына койду. - Апа, кечире аласыңбы мени? - деди жылмая, Жумабү энени мойнунан кучактап ыйлап да ийди. - Кечир, апа!

- Кантет, ботом, сени кечиргидей кайсы күнөөң бар эле, кой, балам, сен дагы менин баламсың, жанагы балдар турганда сени күнөөлөй албайм, кагылайын, - деди эне салмактуу.

- Ошентсе да аз айып, көп күнөөмдү кечир, - деп аялы жагалданып жатканда Сейитбек да унчукпады.

Тейитбек менен Айымбү сыртка чыгып кетишкен. Айымбү Тейитбекке карап:

- Ой, жеңем жөн эле актрисанын өзү тура, - деди күлкүсү келе.

- Керек жерде ыйлап, бечара боло калганын айтасыңбы?

- Ооба, таңгалып карап калыпмын.

-Турмуштун өзү драма, адамдар анын аткаруучулары дешет го, ошондо-ой, жаным.

- Тамакты алып кирейинби?

- Ооба, эмдигиче ыйлап да, күлүп да бүткөндүр.

- Мунусу менен канчага чыдаар экен? Ар кимде болот ар кыял, ал кыялды ким тыяр дегендей оңой менен ал кыялды ары калаарына ишене албайм, - деген Айымбү тамагын алып кирди.

Эне келини экөө жөн гана сүйлөшүп отуруптур. Сейитбектин баш көтөрөөр түрү жок, ал аялына жини келип отурганы менен апасынын көңүлүн ооруткусу келбеди.

- Сейит, үйгө кетели эми, менден кеткенди кечир, чал, балдардын баары мени күнөөлөп жатышат.

- Балдар кааласа мага келсин, мен эми ал үйгө барбайм, сен өз жашооңду каалагандай өткөрө бер, апамды как баш атыктырбай жанында болом, - деди үңкүйүп.

- Мен эми ошол күнөөлөрүмдү жууйун деп кечирим сурап жатам го, Сейит. Кой эми, мени кечир, балдар менде болсо атасыз калат, сенде болсо энесиз өсөт, үй-бүлөбүз үчүн кечир, экинчи өйдө карабайын, - деп жалдыраган Гүлайым Жумабү энени карады. - Апа, мени кечирдиңизби, Сейитке айтыңыз, балдар үчүн кечиргиле…

- Балам, - деди Жумабү Сейитбекке карай, - жетинин бири кыдыр дегендей жети балаңар турат, буйруса келин алып, куда күтөсүңөр. Кантсе да ушунча жыл жашадыңар, баарын сууга агызбай бүлөңөрдү толуктап, тынч өмүр сүргүлө, балдарым. Менин жанымда Тейит менен Айымбү бар, жакында алар балалуу болот, мен жалгыз эмесмин. Силердин өз-өзүңөрчө түтүн булатып, айыл болуп калдайып турганыңар мага канчалык кубат, өлсөм боз үйдү тегеректеп, өкүрөөр неберелерим бар, айланайындар.

- Апа, муңайганыңды көрбөйүн, аялдын итчилигин балдарым үчүн кечтим, кеттик үйгө, - деп Сейитбек ордунан шарт туруп жөнөдү.

- Апа, ыраазымын сизге, - деп Гүлайым кайненесинин колунан өөп, күйөөсүнүн артынан кеткенде Жумабү эне жеңилдене түштү.

- Кудайга шүгүр, өз орду-очокторун тапты, эми эсине келээр, балдарынын маңдайында болсун, - деп жамбаштай бир оор жүктөн кутула түшкөндөй жатып калды. Айымбү кымырыла кирип, орун салып берди.

- Эс алыңыз, апа.

- Кудай жалгасын, айланайын, ылайым эркек төрөп ал, садага.

- Айтканыңыз келсин, апа, - деп Айымбү бөлмөдөн чыкты.

Гүлайым күйөөсүнүн артынан жете келди, Сейитбек үйгө жеткенче үн катпады. Күйпөлөктөгөн Гүлайым чай коюп, тамак жасап күйөөсүнүн алдына коюп, ага жагынуунун амалын таппады. Балдары атасынын жанында айланчыктап кубанып жатышты, улуулары өздөрүнчө тим болуп унчугушпады. Негедир Гүлайымда да үн жок, үйүн жыйнап, адаттагыдан тыш бөйпөңдөп балдарына орун салып, жалынып-жалбарып бүгүн бир башкача.

Түн, Гүлайым күйөөсүнүн койнунда, балдары башка бөлмөдө.

- Сейит, мени кечире албайсыңбы? - деди шыбырай.

- Жок, кечире албайм, билсең балдарым үчүн гана келдим, ошону унутпа, - деп ары караган бойдон айтты Сейитбек. - Сен кайненемдин өзүн тартканыңда жакшы аял болмоксуң, жакшы ата-энеден сендей кыз төрөлгөнүнө таңмын.

- Сейит, андай дебечи, биз көп жыл жашап бири-бирибизди кандай жакшы көрөөрүбүздү деле билбептирбиз. Сен жокто гана ойлоп, сенин ордуң таптакыр башка экенин сездим, жаштыгымбы-жамандыгымбы, сүйүүнү элден уксам дагы өзүм сезген эмесмин. А сен мени жакшы көрдүң беле, эмнеге үйлөндүң эле, Сейит?

- Дөөрүбөй жөн жатчы, эми элүүгө чыкканда кайдагы сүйүү, жакшы көрүү…

- Койчу эми, аял-эркектин сүйүүсү кырк жаштан кийин күчөйт имиш, чынын айтсам биз бири-бирибизге керек экенибизди сен жокто билдим, - деп Гүлайым Сейитбекти аркасынан кучактап алды. - Балдарга деген сүйүү башка, эрди-катындын сүйүүсү башка болот экен, Сейит.

- Менде андай сезим болгон эмес, болбойт дагы!

- Сен дагы эле мага ачууланып жатасың го, Сейит, эми мен таптакыр башкача аял болом, ишенчи мага…

- Болду, укта.

- Сагындым.

- Койчу ай, бай болгур, көңүл жок.

- Мени сагынбадыңбы?

- Жок.

- А мен сени сагындым, - деп болбой эле кучактап аялдын назы, шыбыры, жанталаша өпкүлөгөнү менен аны өзүнө каратып алды.

- Ой эн-не-е, куйтусуң ээ?

- Өз эриме…

- Мен сени көргүм келбей калган, бир аз убакыт бер, өзүмдү колго алып алайын. Катуу карайдым эле, айла жок, апам дагы болбой туруп албадыбы.

- Ошондо эмне кылмаксың?

- Ажырашмакмын.

- Чындап элеби?

- Эмне, мен сага калп айтып жүрчү белем?

- Кечирчи, Сейит.

- Болуптур кечирдим, укта.

- Кечиримиңе ыраазымын.

- Эчтеке эмес. - Андан кийин Гүлайым унчукпай калды, экөө бири-бирин кучактай уйкуга кирди. Жоош киши таарынбайт, таарынса жазылышы кыйын дегендей Сейитбек түнөрүп көпкө жүрдү. Аңгыча улуу баласы Топчубай үйлөнөм деп чыкты, бул жаңылыкты укканда Гүлайым ого бетер ойлуу болуп, өзүн эми төрөлгөндөй сезип, акылга толуп токтоо тартып калды. Аны көргөн коңшу-колоңу таңгалып өздөрүнчө күбүр-шыбыр.

- Ай тиги Гүлайым эми токтолгон го, ыя?

- Ооба десең, момпоюп эле болбой калыптыр.

- Баласы үйлөнсө куда-кудагый күтөт, каада күтөйүн деп жаткандыр да.

- Антпей эле Сейитбек ажаандыгына чыдабай кетип калган имиш, ошондо барып зорго алып келиптир, ошондон кийин өзүн кармап калгандагысы.

- Ой, кызык, катын кетчү эле, эркек кетип, аялы алып келгенин биринчи көрүшүм, - деп бири бетин чоюп күлүп калды.

- Кызык экенсиң, жети баласы турса ажылдаган аялдан тажаганда басып кеткендир, тиги куйту элге билгизбей жойпуланып алып келип алгандыр да.

- Ошондой го, шумдугуң кургур десең, укпайм дегениңди угуп, айтпайм дегенди угасың, тирүүлүктө баары болот тура.

Сейитбек менен Гүлайым келин алууга даярдык менен алек.

Сарыбайдын үй-бүлөсү тойго камынып жатты. Кумарбү өзү Жакинди жактырып калган. Өмүрбектин дайыны билинбей, кеткен бойдон жоголду. Анын шаарга кетип калганын укканда Уларкан ыйлап тим болду. "Өз балам болсо минтпейт болчу, балдарымдан кем көрбөй чоңойттум эле, бир ооз коштошуп, ачык айтып койбой кетип калганын кара", - деп ичтен сызып жүрдү. Болотбек өзү тапкан парторгду ээрчитип келди. Анын баласы политехте окуган бою пас, арыкчырай жигит экен, Кумарбүдөн эки гана жаш улуу. Доорон менен Света Кумарбүнү көрүп жактырып, тез эле келинин алып кетүүгө макулдашып кетишти. Ошол убакта Жакин келип, Кумарбүгө башкалар куда түшүп келгенин угуп, ага жолугууга ашыкты. Кечинде экөө жолугушканда Жакин кызга суроо менен кайрылды:

- Кумаш, аяш атамдар эмне деп жооп айтышты?

- Билбейм.

- Сенин кандай оюң бар?

- Кандай оюм болмок эле? - Кыз кайра билмексен боло өзүнө карады.

- Ким болсо да кете бересиңби?

- Пешене менен эсептешүүгө, ата-эненин сөзүнө каршы чыгууга болбосун билем.

- Демек, жүгүргөн калат, буйруган алат дегениңби?

- Кызык, а менин чынында азыр күйөөгө чыгайын деген оюм жок, анан эмнеге ойломок элем?

- Кумаш, мен сени сүйөм десем балким күлкүң келээр, бирок мен абдан ачыкмын, түз айтканды жакшы көрөм.

- Айта бериңиз, эч жакка шашылган жокмун, - деп кыз жигитти жылмая карады.

- Мени мазактап турасың ээ, Кумаш? - Жигит ызалуу үн катты.

- Эмнеге андай дейсиз?

- Сенин менин гана жубайым болушуңду каалайм, Кумаш, эгер сен макул болсоң алып кетем.

- Каякка?

- Үйгө, мен сага гана үйлөнөм.

- Мен али тандай элекмин.

- Жүрөгүңдү тыңшачы, кимибизди жактырасың?

- Жакин, менин сени да, аны да ойлогонго убактым жок, кааласаң бир аз убакыт бер. Бир айдын ичинде эки-үч жуучу келди. Балким тагдырыма бирөөнү жазып койгондур, же менин жүрөгүмө сүйүү келе электир, же мен таптакыр мерездирмин.

- Койчу, Кумаш, сенде сүйүү болбосо мени менен же аны менен кантип жашайсың, жашоо сеники, ошондуктан өзүң тандап, өзүң чечишиң керек, - деди Жакин кызды колунан кармай. - Эгерде мага деген жылуу сезим жүрөгүңдө болбосо мен кайтайын, бактылуу бол. Сага кедерги болуп жолуңду тоскум келбейт, - деп колун койо бере шарт артына бурулду. - Кош бол, тагдырдын буйруган күнү жолугаар мезгил болсо кездешээрбиз, - деп Жакин ылдамдай басып баратканда Кумаш анын артынан бир аз карап туруп:

- Жакин! - деди акырын. Жакин токтоду, бирок бери бурулбады. - Токто, Жакин!

- Угуп жатам.

- Чындап коштошконуңбу?

- Ооба…

- Акыркы сөзүңбү?

- Арга жок.

- Сүйүү ушундай болобу?

- Кандай?

- Сүйүүсүн билдирип эле, кайра коштошкону табышмак экен.

- Жоопсуз сүйүү, бактысыз өмүр…

- Ошончолук бат бактысыздык алып келген сүйүүнүн не кереги бар?

- Мен сенден жообун уга албасам.

- Күтүүгө болбойбу?

- Эмне дедиң? - Жакин дароо бурула аттап-буттап жетип келди. - Кумаш, сен күт десең өмүр бою күтүүгө даярмын!

- Үч күн убакыт бер.

- Жарайт, мен сен үчүн баарына даярмын! - деп Жакин кызды бооруна кысып туруп калды. - Ушул көз ирмемдик бакытты тартуулаганыңа ыраазымын!

- Үйгө кирбейсиңби? - Кумарбү жигиттин кучагынан чыккысы келбей туруп суроо узатты.

- Кире берейинби?

- Эмнеге сурайсың, атамдар сенин келип, кирбей кеткениңди укса капа болот го дейм, - деди акырын.

- Анда кирдик, - деп жадырай кызды колтуктай басканда:

- Азырынча мындай басканыбыз болбо-ойт, - деп кыз наздуу анын колун акырын бошотуп койду.

- Сиз айткандай болсун, бийкеч.

- Рахмат. - Экөө ээрчише үйгө кирип келишкенде Сарыбай аялын бир карап алды да:

- Оо, кел, уулум, кайдан бу? - деди.

- Келип калдым, ата, чоң энеме келгем, кайрылып учурашайын деп эле…

- Келбей анан, келгениң жакшы, балам, төргө өт. Боке досум кандай жүрөт, Фарида жакшы жатабы, инилериң чоңоюп жүрөбү?

- Баары жакшы, сиздерге салам айтышты.

- Саламат болушсун.

- Жакшы жатсаңар болду, айланайын, - деди Уларкан дагы. - Кумаш, конокко тамак ас.

- Тим эле коюңуздар, мен учурашып эле кайтам.

- Ошо кантип болсун, мынча келгенден кийин Жатып алып, эртең барасың да.

- Капырай десең.

- Макул.

Жакин улуулардын айтканына ыраазы боло, ичинен кым деп алды. "Демек Кумаш менен дагы да сүйлөшкөнгө шарт түзүлдү", - деген ойдо сыртынан калп эле шашкан болуп, кыйыла отуруп калды. Ошол күнү алар түн бир оокумга чейин сүйлөшүп, сөздөрү бүтпөй, бул ааламдагы бактылуунун бактылуусу болуп турушту. Бирок тагдыр кайчылаш жолдорду ар убак өзү бириктирип да, өзү бөлүп да, адам баласынын өмүрүн өзү каалагандай калчайт эмеспи. Жакин эртеси чоң энесине барып, эки-үч күн жүрдү. Күндө бир маал келип, Кумарбүгө жолугуп кетет. Уларкан болсо кызынын себин даярдоо менен алек, коңшуларын чакырып жууркан-төшөк каптатып, ала кийиз жасатып жатканын көргөн Жакин Кумарбү менен үйгө кирип:

- Кумаш, аяш апам эмнеге убараланып жатат? - деп сурады.

- Сеп даярдап…

- Ал эмне болгон сеп?

- Ошондой, - деп кирип-чыгып жумушун жасаган кыз кыска эле жооп берип күлүп койду. - Сеп эмне экенин билбейсиңби?

- Жок, такыр укпаптырмын.

- Дагы жакшы, кыргызча сүйлөйсүң, - деп кыз бырс күлдү.

- Эмнеге антесиң?

- Шаардыктар жалаң орусча сүйлөп, эне тилин билбей өсөт го көбүнчө.

- Ой, кокуй десе, мен орусчаны да, эне тилин да жакшы билем.

- Жакшы экен.

- А сен кайдан көрдүң эле?

- Уккам.

- Кумаш, мен эртең шаарга кайтам.

- Жакшы бар, ата-энеңе салам айт.

- Кумаш.

- Ийи…

- Кума-аш! - деген Уларкандын үнү чыкты ошол кезде.

- Баратам, апа, - Кумарбү жүгүрүп чыга калды. - Апа, эмне керек? - деп Уларкандын маңдайына келди.

- Суу ысытчы, ала кийизди орой койолу.

- Макул.

- Жакин кеттиби?

- Жок, эртең Фрунзеге кетет экен.

- Аа-а, анда ага бирдеме бериш керек, азыр кетпей койо турсун, атаң келсе кымызга жибереличи.

- Макул азыр айтам, - деген Кумарбү отун көтөрүп келип, очокко от жагып, казанга суу куюп коюп, үйгө кирди. Жакин аны карап:

- Кумаш, менин жообумду качан бересиң?

- Кайсы? - Кыз атайы билмексен боло сурады.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Жок!

- Мени алдагың келдиби? - деп жигит таарына түштү.

- Алдаганым жок.

- Анан эмне?..

- Ооба-ооба, жана дагы ооба! - деп коюп Кумарбү эшикке жүгүрүп чыгып кетти.

Жигит толкундана кубанычтан жүрөгү лакылдай босогодон сыртка көз салды. Эч ким жок болгондо эмне, аттиң, короодогу кийиз жасап, топураган катын-калач экөөнүн эркин сүйлөшүшүнө кедерги болуп турду. "Ал мени сүйөт, мени сүйөт, ооба дегени сүйгөнү. Эртең шаарга барып, атамдарды камынтып коюп, кайра келем да, алып кетем", - деп ойлонуп жатты. Керээли кечке эки ала кийиз жасаган аялдарга Уларкан ак суудан бузуп, чоң табакка толо кесме алып келди. Ал ортодо Сарыбай дагы келип калды, анын кардын тойгузуп эле тоого жөнөттү. Шарактаган он чакты аял бир бөлмөдө ийри мүйүз болуп отуруп алып, тамактанып жатышты.

- Келгиле, келиндер, кечке чарчадыңар, силерге да рахмат, ушундайда тикеңерден тик туруп жардам берип жатасыңар. Ооруп калбаганымда жылына экиден жууркан жасасам да даярдап коймокмун, бирок ар нерсенин сааты бар экен, буйруган күнү бар экен, - деп Уларкан стакандарга арактан куюп сунду. - Алып койгула.

- Макул эми, - деди шакылдаган Гүлшан. - Ушул жасаган буюмдар Кумаштын ылайым эле жакшылыгына жарап, карып-арыганча энемдин бармагынан чыккан буюм деп кастарлап урунуп жүрсүн.

- Айтканыңар келсин.

- Кумаш бактылуу жаштардан болуп, силерге кайрымдуу кыз, барган жерине ыймандуу келин болсун, алган жары аздектеген чексиз бактылуу жандардын бири болсун! - дешип жакшы сөздөрдү жаадырып алып ийишти.

- Жакшы тилек, жарым ырыс дегендей, ылайым айтканыңар түз кудайдын кулагында болсун. Мына бир жумадан бери келип, кызымдын жакшылыгына арналган буюмду чын пейилиңер менен жасап жатасыңар, ыраазымын силерге. Ар бириңердин үйүңөрдө жакшылыктар боло берсин, ар бириңер кызга сеп берип, уул үйлөп, тилегиңерге жеткиле, - деп Уларкан ыраазылык билдирип жатты.

- Айтканың келсин!

Ошентип күүгүмдө алагүү болгон келиндер үйлөрүнө кайтты. Жакинди ал күнү Уларкан кетирбей, эртеси эртең менен Сарыбай алып келген бир чанач кымыз, сүзмө менен бир козунун этин салып беришти.

- Бокеге салам айт, балам, биякка келгенде эч тартынбай келип тур, жарайбы?

- Жарайт, аяш ата, жакшы туруңуздар, мынча жүктү эмнеге бердиңиздер, уят го, куру келип, - деп Жакин ыңгайсыздана калды.

- Сен Фрунзеден эмне алып келет элең, жанагы түтүнүңдөн эле капка толтуруп келбесең, айыл деген айыл, баары бар, колдон келсе бергенге жетеби, давай, жакшы жетип ал!

- Аман-эсен жетип ал, садага, ата-апаңдарга салам айт, - деп Уларкан Жакиндин бетинен өөп узатты. Жакин артына кылчая калып, эшиктин алдында турган Кумарбүнү көрдү. Ал жылмая колун булгап койду эле Жакин дагы колун көтөрүп күлүп калганда Сарыбай менен Уларкан артына карады. Тумарбү гана үйдөн чыгып келе жатыптыр, бири-бирин карап, көздөрү менен ымдаша жылмайып калышты.

- Макул анда, жакшы туруңуздар, көрүшкөнчө, - деп Жакин такси кетчү жакка жөнөгөндө алдынан Болсунбектин агасы Толкунбектин баласы Анаркул чыкты.

- Ой, кечигип кайда жүрөсүң, чоң энем күтүп жатпайбы?

- Мына баратпайынбы, көтөрүшчү буларды, - деди Жакин колундагысын сунуп, экөө тең чамалаш болчу.

- Эмне, жата конуп колуктуң менен сүйлөштүңбү? - деди Анаркул купшуңдап тийише.

- Сүйлөшсө эмне экен?

- Айтып койдум да, ал кызды биздин Аскат жакшы көрчү эле.

- Аскатың ким?

- Ал менин тагамдын баласы, ал тургай быйыл ала качам деп жаткан. Фрунзеге кетсең эрте кел, болбосо күз болду, кыз ала качуу башталат, кыздарды үйлөнө тургандар сагалап турган убагы.

- Эмне сүйлөшпөй эле ала кача береби?

- Сүйлөшкөндө эмне, үйүнө киргизип алгандан кийин сүйлөшүп да, сүйдүрүп да алат, - деп Анаркул каткырып койду.

- Ошондой дагы болот бекен? - деп таңгала карады Жакин.

- Коркпо, бул айылдагылар аны ала качмак болсо жеңемди өзүм коргойм, ишен мага, - деп Анаркул Жакиндин ички оюн түшүнгөндөй боору ооруй карады. - Эмне, Кумарбүнү ошончолук эле катуу сүйөсүңбү?

- Айтпа, ансыз мага жашоо жоктой сезилчү болду.

- Алчы, ал дагы сени сүйөбү анан?

- Сүйөт, эмки жумада келип алып кетмек болдум.

- Оо-ой ат-таа, сен эми үйлөнөт турбайсыңбы?

- Сен көп сүйлөйт экенсиң, иничек.

- Эмнеси бар экен, сураса дагы болбойбу?

- Ашыкча сурап жибердиң. - Экөө келгенде Турдубү эне бастырмада көлөкөлөп отурган.

- Ээ, кагылайын, күйөө бала боло элек жатып коно баштадың, кокус үйлөнсөң алардан чыкпай каласың го? - деп колдорун жая Жакинди кучактап өптү. - Жолго кечикпей чык, балам, берээримди дайындап койдум.

- Оо-ой, чоң эне, аяш атамдар дагы толгон нерселерди берди, кой десем болушпайт, мунун баарын кантип алып жүрөм?

- Кожонун бергенин коюнуңа кат деген сөз бар, уулум, алар дагы жетине албай берип жаткандыр, Сарыбай бала кезинде эле бапылдаган жакшы жигит болчу, аялын көргөн эмесмин.

- Аяш апам дагы жакшы аял, - деп койду Жакин жөн салды.

- Болочок кайненең аябай жаккан экен, - деп Анаркул дагы тийише сүйлөдү.

- Сени көп сүйлөбө дедим го? - деп Жакин ага муш жумшап калды, ал качып кетти.

- Эмне жалганбы, сен өзүң айылга ошондон бери келип жатасың, болбосо жыйырма бешке чыккыча келген жок элең го? - деп Анаркул ого бетер ыржактап күлүп жатты.

- Жап дейм оозуңду, чоң эне, азыр тетигини өлтүрөм!

- Кагылайындарым десе, экөөң тең жыйырма бештен аштыңар, дагы эле беш жашар кезиңердегидей ойнооксуңар. Кой, үйгө кирип бирдеме ич, балам, сен Анаркул эшекти алып келе кал, автобуска чейин жеткирип салып келели.

- Чоң эне, кардым ток.

- Кайын журту аябай тойгузган го?

- Кыйын болсоң сен дагы кайын журт таап ал!

- Таап алгам, бирок үйлөнгөнчө мен аларга бара албайм, - деп Анаркул короодон чыгып кетти.

- Садага кетейин, кыз кандай, сулуубу? - Турдубү эне мээримдүү жылмая Жакинге карады. - Уялба, каралдым.

- Сулуу кыз, чоң эне.

- Өзүңө жакканын кыл, уулум, келечек силердики, кагылайын, эми качан үйлөнтөбүз деп жатышат?

- Эмки жумада алып кетем.

- Эмне дейт, ботом? - Эне олурая карады. - Камынып койдуңар беле?

- Эми камынат да.

- Ыя карангүн, баш алыш оңойбу, ага-тууганын чакырып кеңешип-таңашат, калыңын даярдайт, ачуу басары болот.

- Аны атамдар өздөрү билет чыгаар…

- Бизди чакырат эле, сен кеңешпей эле алып кетем деп жатат окшойсуң, уулум?

- Айтсам макул болушат да.

- Кой, сени менен кошо кетейин, өзүм барбасам алар келин алып көрө элек, уят болот. Сен бүгүнчө кал, акча менен кийит-кечени алайын, Толкунбекти айтайын, - деп Турдубү эне шашкалактап баштыктарды үйгө көтөрүшүп кирди, кыйылган Жакин чоң энесине каршылык кыла албады.

- Чоң эне, эшекти алып келдим.

- Байлап койо бер, уулум.

- Эмне, шашып жаткан небереңиз кантет?

- Ал бүгүн кетпейт, атаңды чакыр, - деди Турдубү эне буйрук кыла сүйлөп.

- Макул, чоң эне, - деп Анаркул өз үйүнө жөнөдү. Ошентип алар чогулуп, Фрунзеге бет алышты. Баарылап келин алууга каманып жатышты.

Айткандай эле кийинки жумада Жакин шаардан эки-үч досу менен айылды көздөй чыкты. Бирок дал ошол күнү Доорондун баласы Эмилбек райондон кыз ала качууга чыккан. Алар кечке Кумарбүнү аңдып отурушуп, түш оой короосунан дүкөнгө чыга калган кызды көтөрүп салып, машинасын зуулдата жүрүп кетишти. Көз жашын көлдөтүп ыйлаган кыз бараар-баргыча бакырып-өкүрүп атып үнү бүтүп калды.

- Мени үйүмө жеткирип койгула, баары бир отурбайм! - деп бакырган кызды бири ыржая карады:

- Катын аласыңбы анан?

- Кыз деген ушинтип эле күйөөгө тийет, айланайын, биз деле ушинтип эле келин болгонбуз, - деп бири куудулданып купшуңдап койду.

- Эмнеге ала качасыңар, адамсыңарбы деги?

- Эмне айбанат көрүнүп жатабызбы, эки аяктуу эле адамбыз, сени сүйүп калган жигитке айт арманыңды.

- Ошону айтсаң, бизде эмне күнөө, парторг кайнатаңа айт, - дешип каткырып күлүп, кетип баратышты. Жанында отурган Эмилбекти эми гана байкады Кумарбү.

- Сен ушундай немесиңби, неге айтпай ала качтың? - деп аны эки колу менен муштагылап ургулай баштады.

- Кумарбү, мен сени жактырып калдым, убакытты созгондо эмне, үйлөнгөнүбүз дурус го? - деди Эмилбек кызаңдап.

- Сен жинди турбайсыңбы, кыздарга ушундай мамиле кыласыңбы? - деп чаңырып жатты Кумарбү. Бир сааттай убакыт өткөндө опур-топур болгон үйгө жетип келишти…

Кумарбүнү дүкөнгө жиберген Уларкан чаңырган үн чыкканда камыр жууруп жаткан эле, колун чала-була тазалап, далбастай чыккыча коңшусу Замира короодон кирип келе жатыптыр.

- Ай, Уларкан, Кумашты салып кетти! - деди ал шашкалактай.

- Ким, каякка ала качты? - деп эне желпилдей жолго жүгүрдү. - Каякка алып кетти?

- Капырай ким билет аны, бакырыкты угуп эле чыга калсам ак жигули чаң ызгыта кетип жатыптыр, сага жүгүрдүм.

- Алда кудай ай, дүкөнгө жибербей эле койсомчу, - деп Уларкан ыйлап кирди, эмне кылаарын билбей эңгиреп туруп, бир маалда эсин жыя өзүн аңырайып карап турган балдарынан, - Тумар келе элекпи? - деп сурады.

- Жок, келе элек.

- Мурат, атаңа барып чакырып келчи.

- Макул, - деп Мурат жүгүргөн бойдон кетти.

- Ким алып кетти, кандай неме алып кетет, ала качканы эмнеси, ботом, чыркыратып кызымды кайда алып барат? - деп Уларкан өзүнчө эле сүйлөнө берди. Аңгыча коңшуларынын баары чогулуп келди.

- Кыз жаманы кыроо деген ушул да, - деди бири шыпшына. - Кечээ эле сербеңдеген кыз эле Кумаш, эми минтип бирөөгө келин болду.

- Ошону айтсаң, ушу Кумаштын чоңойгонун сезбептирбиз, баягыдай эле кичинекей сары кыз көрүнчү эле бизге.

- Мейли эми, кайда барса да бактылуу болсун.

- Айланайындар, ким алып кеткенин билсем азыр барып эле алып келмекмин, билбей куурап турбайынбы? - деди Уларкан көз жашын аарчый отура калып, кайра тура калып жатты. Ошол убакта Сарыбай далдаңдай жетип келди.

- Эмне болуп кетти? - деп тургандарга алая карады. Уларкан ага жетип:

- Эми эмне кылабыз ыя, ким алып кеткени белгисиз, кудай ай, кандай неме алып кетти? - деп ыйлап жиберди.

- Эмне кылмак элек, күтөбүз да, анан барып, кыздын көңүлү бар же жок экенин билебиз, алып келүү же тим коюуну ошондой чечебиз, - деди Сарыбай токтоо.

- Ага чейин качан?

- Анан кайдан тапмакпыз, байбиче?

- Ай кудай ай, кайдан дагы дүкөнгө жибере койдум?

- Алгысы келсе койнуңдан дагы алып кетмек, илгери кызды боз үйдө уктап жаткан жеринен алып кете берчү.

- Ошентип тим тура беребизби? - Уларкан чыйпылыктап ийди.

- Эмне кылат элек, киши келишин гана күтөбүз.

- Буйруса той жейбиз, кыздар өз ордун таба берсин, кыздын бараар жери күйөө дейт эмеспи, - деди коңшуларынын бири.

- Кайда болсо да бак берсин кыз балага, - дешип коңшулар тарап-тарап кетишти. Сарыбай менен Уларкан короонун четинде эмне кылаарын билбей эки жерде селейип тура беришти.

- Ата, Кумаш эжем эми келбейби? - деди эң кичүүсү Мурат.

- Келет, уулум…

- Ким ала качып кетти?

- Билбейм, уулум.

Алар ошентип турганда Сарыбайдын карындашы келип калды. Ал үстүңкү көчөдө жашайт, угуп келген экен.

- Эмне болду силерге?

- Кумашты алып кетиптир.

- Кимдер экен?

- Ошону билбей турабыз, - деп Уларкан шалдая отуруп калганда Сайкал:

- Жеңе, өзүңөр айткан кишилер алып кеткен жокпу? - деди.

- Алар айтат эле, жетим кыздай жолдон алып кетмек эмес.

- Жок, булар башкалар, байкатпай аңдып жүргөн го сыягы?

- Эми эмне кылабыз, байке?

- Күтөбүз, баскыла эми, балдарды туугандарга жөнөтөлү. Кокус кыз отуруп калса артынан бара тургандарды кеңешели, - деп Сарыбай үйдү көздөй басканда Сайкал менен Уларкан ээрчий кошо басты.

Ошол маалда үйдүн тушуна машина токтоп калды, арадан эки-үч сааттай өтүп кеткен эле. Баары машинаны карап калганда Сарыбай боз "волганы", парторг Доорондун машинасын дароо тааныды. Андан үч киши түшүп, бери карай басканда Сарыбай кайрылып, аларды утурлай чыкты.

- Кулдук, куда, кызыңар бизге барды, - деди орто жашаган адам кол куушура.

- Кулдугубуз бар, куда, - дегенде Сарыбай эки колун көтөрө токтотту.

- Кулдугуңар кудайга, бу айтпай-дебей ала качканыңарга жол болсун, жетим кыз эмес эле?

- Куда, кызды ала качкан элибиздин салты эмеспи, ачууңузду бизге бериңиз, кудаңыз берген ачуу басарды кабыл алыңыз, - деп бири колун бооруна алып, жооп күтүп калды. Ошол учурда "волганын" артына кызыл "жигули" келип токтоду. Ал Жакин болчу, Анаркулду кошуп алмакка чоң энесиникине кайрылып, болгон ишти андан угуп келген. Жакинди көргөн Сарыбай тигилерге айбаттуу сүйлөдү:

- Ачуу басарыңарды алгыла дагы жолуңарга түшкүлө, биз кыздан жоопсуз кабыл ала албайбыз.

- Куда, алар келип кеткен экен.

- Келип кеткенде эле эмне жолдон алып кетеби, кызы бар үйгө киши келет, жуучу түшөт, антип алып кетпейт!

- Кечириңиз, куда, Доорон салам айтып ачуу басарды берип ийди эле, - деди бири.

- Кереги жок, мен кызымдын уруксатысыз эчтекеңерди албайм, азыр жеңелерин, эжесин жөнөтүп, кыздан кабар алабыз, бара бергиле! - деп үйүнө бурулуп басып кетти. Тигилер өздөрүнчө күбүр-шыбыр боло бир топко туруп калышты.

Жакин Сарыбайдын короосуна кирди, али үйдөн Кумарбү чыга калчудай үмүттөнө басып келип Сарыбайга учурашты:

- Ас-сало-ому алейкум, аяш ата!

- Ал-леки салам, кел, балам.

- Эмне болду, аяш ата?

- Кумашты ала качып кетишиптир.

- Алып келбейлиби? - деген Жакинди Сарыбай жалт карады:

- Эмне?

- Алып баса берели…

- Өзүнө жолугалы, жеңеси менен эжесин жөнөтөм азыр. Бар, Кубанычбекти чакырып келе калгыла, Сагынай кошо келсин! - деди жарданып турган балдарына.

- Эми эмне болот, алар беришпейт го, ошончо алып кеткен немелер берээр бекен? - деп Уларкан ыйлап турган.

Жакин алардын абалын көрүп, кайра машинасына келди да, чоң энесиникине кетти. Жанындагы балдар анын көңүлүн көтөрүп бир аз ичишти, акыл айтаар чоң энеси да келин күтүп шаарда болчу. Жакин: "Болду, эми баары бир аны чыгарбайт, баары бүттү, шаарга гана кетиш керек!" - деген чечимге келип, дароо эле жолго чыкмак болуп, кайра Сарыбайдын үйүнө келди. Баягы "волганын" турганын көрдү, аларды али киргизбегенин көрүп, үйгө кирип келатканда үйдөн Тумарбү чыга калды.

- Келиңиз, - деди кашын серпе ойсоңдогон Тумарбү, ал онунчу класста окуп калган.

- Кандай, Тумар, эжеңди күйөөгө берип ийдиңби? - Жакин ызалуу суроо узатты.

- Эжеси кетсе сиңдиси бар, кайгырбаңыз, - деп бырс күлүп калды Тумарбү. - Насип буйрубаса бышкан аштан ооз тийүү кыйын.

- Оо, сен дагы бойго жетип калыпсың? - Жакин кызды жылмая карап койду.

- Бойго жеткенбиз, акылга келгенбиз…

- Тумар, Кумашка бирөөлөр кеттиби?

- Жеңемдер кеткен.

- Алып келишеби?

- Колго түшкөн коенду, койо берген оңобу дегендей, алып кеткен кызды кошуп бергенин көрө элекмин. Үйгө кириңиз, эжем болбосо биз барбыз, нан ооз тийип чыгыңыз, келип жүргөн үйүңүз го, - деген кыздын көздөрүнөн жалтанып кетти.

- Кел, Жакин, төргө өт, айланайын, - деди Уларкан аны көрүп.

- Жок-жок, отура бериңиз, мен кетейин.

- Жөн-жай эле келдиң беле, чай-пай ичсең боло?

- Иштер бар эле.. .

- Отур, балам, - деди Уларкан Жакинди карай, анын капалуу экенин көрүп ашыкча сөз айталбады, - Болсунбектер жакшы жатабы?

- Жатышат.

- Кайра качан кетесиң?

- Түндөп.

- Ошончо шашылышпы, Тумаш, чай алып кел, кызым.

- Рахмат, аяш апа, мен шашылышмын, ал-абалыңыздарды билип койойун деп эле келгем, а-аа баса, баягы берип ийгениңиздерге аябай ыраазы болушту, рахмат айтышкан.

- Эчтеке эмес, андайды дагы далай жешебиз, балам, биз болсо Кумашты алдырып ийип көңүлүбүз тынчыбай турабыз. Сен капа болбо, кагылайын, өзүбүз дагы билбей калдык, үйдөгү кийими менен дүкөнгө баратканда алып кетиптир, - деди Уларкан кейиштүү.

- Уктум, - деп жер карады Жакин.

- Кандай жер, кандай бала экенин билбей башыбыз маң, - деди Уларкан Болсунбектерге айтып барсын дегенчелик кылып. - Биз өзүбүз көрүп-билген жерге берсекпи дедик эле…

- Айла канча, жакшы калыңыздар, - деп Жакин ордунан турду. - Жакшы туруңуздар…

- Келип-кетип тургула, садага, айылга келсең кайрылбай кетпе, биз силер менен кол үзүшпөйбүз, атаң менен апаңа салам де, кагылайын, бизге таарынбасын.

- Айтам, - деди да, Жакин чыгып кетти.

- Тумаш, иттен чыгар байкеңди.

- Макул, - деп Тумарбү ыргып туруп, сыртка чыкты. - Кумаш эжемди катуу сүйгөнсүз го? - деп Жакиндин артынан жете келди. - Бизди унутпай келип туруңуз.

- Сөзсүз келип турам, айрыкча сен үчүн, Тумаш.

- Чын элеби? - Кыз жадырай күлдү.

- Калп айтып эч кимди алдай элекмин.

- Кечириңиз, байкабай сурап койдум.

- Эчтеке эмес, жакшы тур анда, Тумаш.

- Жакшы барыңыз.

- Менден салам жеткир Кумашка.

- Сөзсүз жеткирем, салам айтыңыз аяш атамдарга.

- Жарайт, - деген Жакин машинага отуруп жатып, "волгадагы" отургандарды жаман көрө карап алды. Ал ошол эле түнү Фрунзеге келди. Аны келинчек алып келет деп күтүп жаткандар өзү жалгыз келгенин көрүп, делдейип суроолуу карашты, бир аздан кийин баарын угуп, отуруп калышты.

- Буйрук эмес экен да, - деди Болсунбек оор күрсүнө.

- Кыз буйругандыкы деген ошол да.

- Уулум, анда сен ушул чогуубузда шаардык болсо дагы студент кыздардын бирин алып келе бербейсиңби? - деди Болсунбек Жакинди карай. - Ал күйөөгө тийсе, сен катын ал.

- Ата, кызыксың го, мен үйлөнбөйм! - деп Жакин сырткы бөлмөгө чыгып кетти. Ал жанараак: "Эжеси кетсе сиңдиси бар", - деген Тумарбүнүн сөзүн эстеди. "Эмне экен, бир жыл күтсөм окуусун бүтөт да, ала качып келем", - деген ойго токтоду. "Эч качан башканы албайм, Тумарбү Кумарбүгө караганда сулуу экен, бойго жетип калганын байкаган эмес экенмин, өзүнүн менде көңүлү бар экен да", - деп ойлоп Кумарбүнү унутууга аракет кылып жатты…

Сайкал менен Сагынай Доорон парторгдукуна барып, түз эле Кумарбүгө кирип барышты. Топураган элге баш бербей киргенде кыз тизесин кучактап алып, ыйлап отурган экен.

- Эже-е! - деп тура калды. Сагынай кирип келе жатып, эшикти ичинен илип, Кумарбүнүн жанына келди.

- Болду, көп ыйлаба, кана айтчы, көңүлүң барбы, жокпу? - деп Сайкал сиңдисинен сураганда Кумарбү:

- Кетем, биерге отурбайм, алып кеткиле мени, - деп шолоктоду.

- Кумаш, жакшылап ойлон, - деди Сагынай. - Сен азыр босого аттап, ак ниети менен салган ак жоолукту салындың ээ?

- Салып коюшпадыбы? - деп үңүлдөдү Кумарбү.

- Ушунча адам бар экен, эшикте улактын эти бышып жатыптыр, сени ошолор бизге кошуп жиберет деп турасыңбы? - деди Сайкал.

- Анда эмнеге келдиңир, келбей эле койбойт белеңер? - деп кыз жини келе терс бурулду.

- Болуптур, кеттик, - деп үстүндөгү халатын чечип, жоолугун көшөгөнүн ичине таштап, Сагынай аны колунан алды. - Жүргүлө.

- Сагынай, сабыр кылчы, ушунча адамдын назарын сындырган болчу эмес эле, кийинки тагдырын ойлош керек, - деп Сайкал Кумарбүнү карады. - Сен жакшылап ойлон, эшик аттап кайра барган кызды күйөөдөн чыкты дешет, эч ким карабайт, ал тургай жигити да таштап кетет, сен менин бир тууганымсың, сага жамандык каалабайм, - деди шыбырай. - Таптакыр эле көңүлүң жокпу?

- Жо-ок, - деди Кумарбү.

- Анда кетелиби?

- Ооба.

- Жүрү, - деп Сагынай экөө эки жагынан кармап алып, эшикти ачканда каалганын артында толгон аял-эркектер туруптур.

- Келинибизди эч кайда кетирбейбиз, биздин уруктун эшигин аттап кеткен келин болгон эмес!

- Эч жакка кетпейт келинибиз, - дешип Сайкал менен Сагынайдын колдорунан кармалап, - Айланайын кудагыйлар, мындай жоругуңар болбойт, - деп жардана жол бошотпой жатканда.

- Койо бергиле! - деген үн чыкты. Кумарбүнүн көздөрү чакчайып кетти, бул тагасы Болотбектин үнү болчу. - Кана, кетчү ким экен? - деди да, жарыла берген элдин ортосунан Кумарбүгө жетти. - Кумаш, эшик аттап мен турган жерди бассаң басып кетсең, ата-энеңди, мени кадыр кылбасаң өзүңдү-өзүң бил да, бара бер!

- Тайке-е! - Кумарбү эки колу менен бетин басып ыйлап ийди.

- Кир үйгө, менин айтканымды эки кылба, балам, - деп Болотбек аны колтуктан ала өзү ичкери киргизди. - Эстүү кыз эч качан нары тур иш кылбайт, сен менин карындашымдын жүзүн жер каратып, жүрөгүн оорутчу кыз эмессиң, бактылуу бол, садага! - деп чекесинен өптү да, - Кана, келиниңерди алып кире бергиле, - деди тургандарга.

Карап тургандар ага ыраазы боло топурап үйгө кирип жатышты.

- Ата-аңдын гөрү-ү, атанын баласы экен ээ?

- Айтпа, анын тилин алган кызга рахмат, тагасы тура.

- Оо-ой, сельсовет имиш.

- Аа-а, анда жөнү бар экен, өзү да сүрдүү жигит экен.

- Өсө турган жигит тура, бечара, эже-жеңеси да эчтеке дей албай калды го, - дешип шыбыр-күбүр болуп жатышты.

Кумарбү ыйлап-ыйлап отуруп калды. Сайкал менен Сагынай Кумарбүгө жолугуп сүйлөшүштү да, сыртка чыгышты.

- Ко-окуй, кудачалар кеткени жатат, - деп бири Доорондун аялы Светага бара калды.

- Кой, кетирбегиле, ошол кантип болсун? - деп Света чебелектей жетип келди. - Киргиле, кудагыйлар, сыртта турбай үйгө киргиле, ботом.

- Жок, бизди акемдер күтүп жатат. Эрте барбасак болбойт, - деп Сайкал болбой койду.

- Кирбейбиз, бизден улуулар күтүп жатса биз отуруп алганыбыз болмок беле? - деди Сагынай дагы.

- Жок дегенде тамактан ооз тийип кеткиле, ботом, ит куугандай болбой, - деп Светанын абысын-ажындары болбой экөөнү колтуктай ичке алып киришти. - Кызы бардын назы бар деген эмеспи, кантсе дагы кызыңар колуңардан чыгып, ичиңер ачышып турат, кудачалар. Койгула эми, куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш дегендей куда болуп калдык, айланайын.

- Ошентсе дагы биздин отуруп алганыбыз уят, барбасак болбойт, - деди Сайкал. Доорон аларды жибербей киши жөнөттү. Алар келгенче ачуу басар алып келгендер сыртта турушту. Качан гана чабармандын: "Кыз отуруп калды, канча киши келээрин билип кел деди", - деген сөзүн уккандан кийин Сарыбай аялы экөө аларды киргизип, сыйлап, кийит кийгизип узатышты. Ошол убакта колунда барлар ачуу басарга миң сом, бир торпок, бир жашик арак, майда-чүйдөсүнөн баштап алып келишчү. Эртеси жети адам болуп кубалап барышты. Сарыбай менен Уларкан барган жок. Барып келгендер абдан ыраазы болуп келишти. Алдына эки миң сом коюп, кийит-кече кылып жөнөтүшкөн экен, жетине албай калды Сарыбай. Анткени өткөн жылы коңшусунун кызы күйөөгө тийгенде үч жүз сом, бир кой эле бериптир деп угушкан. Алдына беш жүз сом коюшкан. Уларкан эч камыраган жок, анткени себин даярдап койгон, көшөгөсү менен кийимин алса болду да. Ошентип Кумарбү жакшы жерге барды, Эмилбек болсо аны эмитен эле көзүн карап турат. Башында бири-бирине көнө албай абдан кыйналышты. Эмилбек өзү да өтө жоош, көп сүйлөбөйт, келген-кеткени көп болуп, экөө анча деле бирге боло албай жүрдү. Анткени туугандары, достору менен кызматы бар эмеспи Доорондун, кошоматчысы да, жакын-алысы да келип жатты. Он беш күн дегенде Уларкан, Тумарбү менен Болотбектин аялы Асылды кошуп, себи менен көшөгөсүн алып келди. Сеп алып келебиз деп айттырганда Доорон:

- Кудам кошо эле келсин, келбей койбосун, айтып бар, - деди атайын Болотбекке.

- Келет, дос, өзүм айтам, - деп Болотбек карсылдай күлдү.

- Кудалар келсе тай сойом, даярдап койдум, келиним дагы эң улуусу экен, биздин бала дагы төл башыбыз, - деди Доорон сөөлөт күтө тизесин таянып.

- Ал эми өзүңдүн сыйың, сенин колуңан баары келет, сендей досума жээнимди ишенип тапшырдым да, бирок унутпа-а, сен менин кудам болуп калдың, - деди сөөмөйүн чычайткан Болотбек, экөөнүн ортосунда койкойгон коньяк.

- Кыз кетем деп ыйлаганын көргөндө абдан корктум, кантсе да келин алуу өтө сүрдүү болот экен, сөзүм оозумдан түшүп калбадыбы, ишенсең ала качтырганыма өкүнө түшкөм.

- Мен айтпадым беле, мен турганда баары жайында болот.

- Баары бир корктум.

- Эми жүрөк ылдыйладыбы? Ха-ха-ха.. . - деп каткырды Болотбек.

- Эми сенден да коркпой калдым, - деди Доорон санын чаап күлө. - Эми келин менин өз бүлөм болуп калбадыбы?

- Демек өзүмдүкү дечи?

- Албетте, өз бала болуп калды, - деп алар тамашалашып отурушту.

Ошондон он күн өткөндө себи, көшөгөсү менен келди, колу-коңшу, урук-тууган болуп жакшы тосуп алышты, бака-шака түшүп эки жашка бак-таалай каалап жатышты. Света кийитти жакшы кийгизип, Сарыбайга сүлөөсүн тебетей, Уларканга норка пальто жапты, кетээринде Доорон сүт акысына деп бир уй айтты. Уларкан кызы менен сүйлөшүп отурду.

- Кумаш, акыбалың кандай, кызым, көңүлүңө жактыбы?

- Апа, эми жакпаса да эмне кылмакмын, тайкем өзү билди го, бул эмнеси?

- Эми тагаңды жаман көрбө, кызым, жеңең экөө өздөрүнчө келебиз деп жатат, менин жалгыз агам, көңүлүн калтыра албайм, күйөө бала дурус эле бекен?

- Жакшы эле.

- Күйөөң жакшы болсо башкасы эчтеке эмес, кызым, кайнене-кайнатаңды сыйла, баягынын кызы дедиртпе, садагам, биз сенин бактылуу болушуңду гана каалайбыз.

- Макул, апа, өзүңөр жакшы баргыла.

- Апа, мен эжем менен сүйлөшүп алайын бара берчи, - деп Тумарбү жанына келди.

- Макул, сүйлөшүп алгыла, мен барайын, кечикпей чык, кетебиз, кызым, - деди да, Уларкан ары басып кетти.

- Эже, жездем кандай экен, көңүлүңө жактыбы? - деп Тумарбү эжесине кайрылды. - Сени алып кеткен күнү Жакин келиптир, ал дагы алып кетмек экен, жаман болуп кетти.

- Анын эмнесин айтасың, келсе келгендир…

- Эже, айтсаң ачыгыңды, сен аны сүйчү белең?

- Болдучу, айтаар сөзүң ушулбу? - Кумарбү жактыра бербей жер карады, жүрөгү зырп этип алды, бирок аны эмес, көбүнчө Өмүрбекти эстегенин ойлоду. - Келсе келет да, аяш агабыз…

- Анын абалы аябай жаман экенин көзүнөн туйдум, ал сага келгенин айтып кой деген болчу.

- Мейли, Өмүрбектен дайын барбы?

- Жок, ал шаарда жүрсө керек.

- Келген жокпу?

- Жок, аны эмне кыласың, жетимдей кылбай чоңойтуп койду атамдар, эми өзүн-өзү бага турган болуп калганда эмнеге келмек эле.

- Кой, антпе, апам капа болот.

- Айтам эле, эми пайдасы тиерде кетип калганын карасаң.

- Кой, Тумаш, келсе унчукпа сен, атамдар аны үйлөнтөбүз деп жатпады беле?

- Келсе көрөт да, кой, мен кетейин, атамдар күтүп калды го, сен бизди узатасыңбы?

- Ооба, азыр чыгам, - деп Кумаш күзгүгө карана жоолугун оңдоп, анан сиңдисинин артынан чыкты. Куда-кудагыйлар кучакташып, өбүшүп, Уларкандарды аттанаар аяк менен жабыла узатып жатышкан.

- Алып койгула, кудагыйлар, балдардын келечеги үчүн, таттуу кудагыйлардан болушуңар үчүн.

- Эмесе балдардын өмүрү узун болуп, бакты-таалайлуу болушсун! - деп бака-шака түшүп жатып көптө кетишти.

Бул Кумарбүнүн нике кайып буйруп тийген күйөөдөгү жашоосундагы алгачкы күндөрү эле. Келиндин келгени, кемпирдин өлгөнү эсинен кетпейт дегендей бул анын бактылуу күндөрү болчу. Бирок анын өмүрүндөгү бир гана өкүнүчү: бакыттын эмне экенин сезбеген байоо кези менен чогуу гүлгүн жаштыгынын өтүп кетиши. Анткени канча аракет кылса дагы Эмилбекти жүрөгү менен сүйө албады. Эми Эмилбек бир үйдүн кожоюну, мээримдүү ата болгон. Алар беш балалуу болушту. Эң улуусу кыз, Кумарбүнүн эле өзү. Эмилбек балдарын да, аялын да үзүлүп түшө жакшы көрөт. Доорон менен Света келинге жакшы болду, эки балалуу болгондон кийин Эмилбектер бөлүнүп кетишкен. Улуу кызы Насыйкатты Света алып калган, эң кенже уулу менен өздөрүнчө жашап калышты. Бир күнү Эмилбек көп сүйлөбөгөн аялынын жанына отуруп:

- Кумаш, айтчы, мени таптакыр сүйө албадыңбы? - деди башын жерге сала.

- Эмнеге антип сурайсың?

- Сен мага жүрөгүңдү ача албадың, аны билем.

- Жаныңдамын, балалуу болдук, дагы эмне керек?

- Билбейм, өзүмдү сен дагы мен сени сүйгөндөй сүйсөң дейм, бирок сен ачылбадың, мага аял болуп бергениң менен жүрөгүңдү бербедиң…

- Эмил, андай дебечи, менин биринчи бактым сенсиң, балдарымдын атасысың, андан башканын эмне кереги бар? - деди ойлуу күйөөсүн карап.

- Алтыным, чынында сени жанымдан артык көрөм. Үйгө келгенде биринчи сени издейм, алдыман бажырая күлүп чыкса дейм, тамашалап мени менен ойносо дейм. Негедир жүрөгүм кусалуу, жактырган адамым жанымда болгону менен сен таптакыр алыссың менден, - деп айтты да, эшикке чыгып кетти.

Кумарбү зыңгырай отуруп калды. "Ооба, чын эле мен сенден алыстамын, төшөктүн ичиндеги милдетибиз бир саамга жакындатпаса, экөөбүз бир деңиздин эки бетиндеги жээктебиз", - деп ойлонуп отурду. Ал күндүр-түндүр бир гана адамды ойлоочу, ал Өмүрбек, андан таптакыр дайын жок, апасы келсе да, Тумарбү келсе да сурамжылайт, бирок анын кабарын биле албады...

Жакин айылга тез-тез келип турчу болду, келген сайын Сарыбайдын үйүнө келет. Тумарбү керилген кыз болду, ага айылдаштарынан куда түшкөндөр астыртан келип, сөз айта баштаган. Болсунбек Сарыбайга таарынып жүрүп араңдан зорго табышкан, ошондон кийин ал Сарыбай менен Уларканды шаарга чакырып коноктоп, экөөнү кино-театрларга алып барып, паркка эс алдырган. Ал жакта бир жумадай жүрүп келишкен. Жакин болсо Тумарбүгө көз салып жүрөт, бирок андан мурун эле кыз өзү шынаарлап калат. Кийинки келиште Жакиндин жанына келип:

- Жакин аке, сиз качан үйлөнөсүз? - деди шоктоно.

- Үйлөнөт элем, кыз таппай жатам.

- Чынбы, дүйнөдө кыздар көп го?

- Кыздар көп, мени сүйчүлөр жок болуп жатат, - деп Жакин көздөрү ойноктогон кызды жылмая карады. - Сенин жигитиң барбы?

- Ыкы.

- Неге?

- Менин жүрөгүмдө бирөө бар.

- Сүйүү дегенди билесиңби өзүң?

- Эмнеге билбейм, билем эле. - Кыз кабак бүркөй карады. - Эмне, мени жаш деп жатасызбы?..

- Кемпир…

- Сиз чалсыз.

- Мен чал болсом мейли, а сенчи, эмитен кемпирдей акылдуусуң, а өзүң секелексиң.

- Секелек эмесмин, быйыл мектепти бүтөм, бүтүрүү экзамендерге аз убакыт калды, анан шаарга окууга кетем.

- Кайсы окууга барасың?

- Женпедге.

- Жакшы, мугалим болосуңбу?

- Ооба.

- Бирөөлөр ала качып кетсечи?

- Ким ала качмак эле?

- Билбейм, сулуу кызсың…

- Баары бир отурбайм.

- Кумаш отуруп эле калбадыбы.

- Аны тайкем болбой отургузуп коюптур, - деп сүйлөшүп отурганда короого галстук тагынган, узун бойлуу, колуна дипломат кармаган бирөө кирип келди. Берки экөө унчукпай аңырая аны карап калышты. Бир кезде Тумарбү аны тааный коюп, - Өмүрбек аке-е! - деп жетип кучактап калды. - Кайда жүрдүңүз?

- Адегенде учурашалы, чоңоюп кеткенсиң го? - деп Өмүрбек кызды чекесинен өптү. - Таежемдер үйдөбү?

- Жок, атам жумушта, апам Кумаш эжемдикине кеткен.

- Баарыңар жакшы турасыңарбы?.

Ошол убакта Жакин басып келди.

- Ас-сало-ому алейкум!

- Ал-леким ассалам.

- Иш кандай?

- Жайында, - деген Өмүрбек Жакинди жактырбагандай үй жакка бет алды. - Балдар кайда?

- Узак менен Кубат экөө тең аскерде, Узак жакында келет, Мурат менен Турат мектепте.

- Аа-а, жакшы, мен бир аз эс алып алайынчы, - деп үйгө кирип кетти.

- Кычырайт го? - деп койду Жакин.

- Иштеп жүрсө керек, мен чай койойун, үйгө кириңиз.

- Жок, мен кете берейин, - деп Жакин кетмек болду.

- Чай ичиңиз.

- Ичтим, рахмат.

- Шаарга кетесизби эми? - Тумарбү короонун оозуна чейин барды.

- Кете албай жатам го…

- Эмне, иш көппү?

- Кайдагы иш?

- Анан эмнеге кете албайсыз?

- Жүрөгүмдү бирөө уурдап алды.

- Ал ким экен?

- Жашыруун.

- Мага да айтпайсызбы?

- Жок, корком.

- Эмнеден?

- Айтуудан.

- Ал кыз билеби?

- Жок.

- Эмнеге айтпайсыз?

- Түшүнбөйт.

- Эмнени?

- Мени.

- Кызыктайсыз, жигиттер сүйсө дароо эле айтышат го?

- Алардын сүйүүсү жалган.

- Чыныгы сүйүү кандай болот?

- Айтылбайт.

- Ой тобо-о…

- Эмнеге таңгалдың, Тумаш?

- Баары эле сүйөм-күйөм деп кат жазышат, кээси калат, а кээси, мисалы жүздөн бири гана үйлөнүшөт.

- Чыныгы сүйүүнү көздөр гана айта алат.

- Кантип?

- Минтип, - деп Тумарбүнүн көздөрүнө тигилди.

- Мен эчтеке көргөн жокмун.

- Ошол үчүн түшүнбөйсүң.

- Мени айбан деп ойлойсузбу?

- Жок.

- Кетиңизчи, жаман экенсиз, - деп Тумарбү терс бурулуп кетти.

- Тумаш, эмнеге таарындың?

- Эч нерсе, бара бериңиз…

- Сени таарынтып коюп, кантип кетмек элем? - деп жанына жете келип карыдан алды. - Айтчы, эмне болду сага?

- Эчтеке дейм!

- Айтпасаң койо бербейм.

- Сиздин сүйгөн кызыңызды билгим келет.

- Эмнеге?

- Ошо.

- Аны айта албайм.

- Айтпасаңыз мен сизди өмүр бою карабайм! - деп жүгүрмөк болгондо Жакин күлүп кармап калды.

- Жинди кыз десе, адегенде өзүң айтчы, эмитен жүрөгүңө кимди катып жүрөсүң?

- Айтпайм.

- Анда мен дагы айтпайм.

- Барыңыз, кетиңиз дейм!

- Тумаш, сен таарынсаң болот, а мен таарына албаймбы?

- Таарына бериңиз, сиз мен сураганды дайыма эле айтпайсыз.

- Болуптур анда, бул биздин акыркы жолугушубуз болсун, аяш атамдарга менден салам айтып, келип кетти деп кой. Эртең кетем шаарга, - деп кызды койо берип, артына бурулду да, ылдамдай басып жөнөдү. Тумарбү аны селдейе артынан карап туруп, анан жүгүрүп барды.

- Жакин байке-е!

- Эмне дагы?

- Токтосоңуз.

- Шашылышмын.

- Кечирип коюңузчу…

- Жок, мен кечиргидей сенин күнөөң жок, кокус үйлөнүп, тойго чакырсам сөзсүз келесиңби? - деди жылмайган Жакин.

- Качан үйлөнөсүз?

- Жакында.

- Сабактан калам да?

- Сенин экзамениң бүткөндө үйлөнөм.

- Андай болсо барам, болуптур, жакшы барыңыз, - деп Тумарбү токтоп калды.

- Дагы таарындыңбы?

- Таарынбайм, жакшы барыңыз.

- Тумаш, сенин жүрөгүңдө катылган ким? Айтсаң, угайын.

- Эч ким.

- Эгерде сен айтсаң мен дагы айтам, - деп экөө дарбазанын түбүндө бир топко турушту. Өмүрбек аларды терезеден карап турган. Күн кечтеп калган болчу. - Кана, айтасыңбы, кел бири-бирибизге таарынбай коштошолу, ошентелиби?

- Мен айталбайм.

- Уялба, сырдаш болобуз, биз аяштардын балдарыбыз да, ошондуктан сырдашабыз, мен сага сырымды айтам.

- Мен айталбайм, баары бир айтпайм, - деп Турмабү дулдуя жер тиктеди.

- Эмнеге айталбайсың?

- Ошого.

- Анда экөөбүз сүйлөшө албайт экенбиз да, - деди Жакин кайра артына бурула. - Көрүшкөнчө, Тумаш.

- Токтосоңуз, - деп Тумарбү ага жетип, колдон ала короо жакка басты. - Чындап эле уккуңуз келеби?

- Албетте, аяш карындашым мени менен сырын бөлүшкүсү келбесе, өкүнүчтүү.

- Баары сизге тиешелүү…

- Кандай? - Жакин сезип турса да, билмексен болуп сурады.

- Сизге түздөн-түз тиешелүү.

- Түшүнбөдүм.

- Жакшылап, тактап айтканда, мен сизди көптөн бери жакшы көрөм, сизди… Мен сизди жакшы көрөм, уктуңузбу?

- Эмне экен, жакшы көрсө болбойбу, сен менин аяш карындашымсың да.

- Андай эмес, мен сизди…

- Түшүндүм, сен мени бир тууганыңдай жакшы көрөсүң. Капа кылгың келбейт, туурабы, Тумаш?

- Мен аны айткан жокмун, жүрөгүмө катылган адамым сизсиз, башкалардын катын окубай тытам, сүйлөшкүм келбейт. Мага сиз гана керексиз! - Кыз бетин баса отуруп калды.

Жакин ойлуу аны бир саамга карап турду да, анан өйдө кылды.

- Чын айтасыңбы, Тумаш?

- Ооба.

- Анда менин жүрөгүмдү уурдаган кыз сенсиң!

- Ыя?! - Кыз жаштуу көздөрүн ага кадады.

- Ооба, Тумаш, мен сени көптөн бери жакшы көрөм, окууңду бүтсөң дароо алып кетем, макул болосуңбу?

- Чын айтасызбы? Бирок мен андай деп ойлогон жокмун, мен шаарга барып окуйм да, экзамендеримди тапшырып алсам эле.. , - деп келатып, Тумарбү кайра ойлоно түштү. - Аа-а, Кумаш эжем эмне дейт анан? - Байоо карады.

- Тумаш, анын азыр үй-бүлөсү бар, бактылуу жашайт, биз андай катуу сүйүшкөн эмеспиз, ата-энелерибизди сыйлачубуз, ошондуктан сүйлөшүп койчубуз.

- Чынбы, силер сүйүшкөн жок белеңер? - Кыздын көздөрү жалжылдап кетти.

- Чын айтам, Тумаш, мен сенден тартынып айталбай жүргөм, кичинекей чымчыктын сүрүнөн апкаарып айта албай жаттым. Сен мен үчүн кол жеткис бийиксиң, жүрөгүмдөгү кымбат жансың, сенин жаштыгың мени үндөбөй чыдоого мажбурлады. Эми кетейин, акыркы коңгуроодо сөзсүз келем, жарайбы? - деди кыздын көздөрүнө тигиле.

- Макул, мен сизди күтөм.

- Кош, көрүшкөнчө!

- Жакшы барыңыз, - деп кыз жылмая жигитти карап туруп калды. Жакин улам артын карап, колун көтөрүп коюп, узап баратты. Кыз кубанычы койнуна батпай алаканын шак чаап алды да, үйгө так секире кыңылдай ырдап кирди. Өмүрбек ал кирип келе жатканда төргө отуруп калды. Тумарбү тефалга чай коюп, кечки тамакка кам көрө баштады. Ал толкундана өзүнчө кыңылдап, жумушун көңүлдүү жасап жатканда Мурат менен Турат келишти.

- Апам келген жокпу? - деди Мурат кирип келип эле сумкесин бурчка ыргытып.

- Жок, келе элек.

- Атам дагыбы?

- Ооба, атам дагы келе элек, бирок үйгө ким келгенин билесиңерби? - Тумарбү инилерин күлмүңдөй карады. Өмүрбек ички үйгө кирип кеткен эле.

- Ким келди, айтчы?

- Жакин байке келген.

- Жо-ок, андан башка.

- Кумаш эжемдерби?

- Жок дейм. - Алар антип турганда Өмүрбек өзүнчө ойлонуп жатты: "Жакин Тумашты айланчыктап калыптыр да, Кумаш кимге тийди экен, эмнеге буга беришкен эмес, азыр Кумаш кайда болду экен?"

- Ким келди, өзүң айтсаң, Тумаш эже?

- Өмүрбек байкем келди!

- Оо-ой, чын элеби, каякта жүрөт? - деп Турат ички бөлмөгө жүткүнгөндө ары жактан Өмүрбек көрүндү.

- Оо азаматтар десе, чоңойдуңарбы?

- А сиз каякта жүрдүңүз?

- Качан келдиңиз? Апам сизди ойлоп ыйлачу, - дешип экөө эки жактан бажырап, Өмүрбек аларга алып келгендерин берип жатканда Сарыбай кирип келди.

- Ата, Өмүрбек байкем келди!

- Кайда жүрөт?

- Ас-салоому алейкум, таажезде! - Өмүрбек тура калып, учурашты. Экөө саамга кучакташып туруп, анан Сарыбай аны далыга таптай үнү каргылдана:

- Кел, балам, акыбал кандай? - деди.

- Дурус эле.

- Иштеп жатасыңбы?

- Ооба.

- Жакшы жүрсөң болду, денсоолугуң жакшыбы?

- Жакшы эле, таежем жакшы жүрөбү?

- Жүрөт, Кумаш кыздуу болгон, басып калды, кечээ көрүп келейин деп кеткен, эртең келип калаар.

- Мен биротоло келдим, бул менин тапкан акчам, - деп бир пачка акча сунду. Аны көргөн Сарыбай: "Бул жөн иштеген эмес, терс жолго түшкөн окшойт, алган айлыгы эки жылда мынча болмок эмес, уурулук кылдыбы?", - деп ойлонуп калганда Өмүрбек: - Мен бир жакшы жумуш тапкам, бирок кийинки кезде өзүмө жакпай калды, - деди.

- Эмне жумуш экен?

- Иши кылса оор экен, баса бердим.

- Бул акчаны мага бербей окууңа жумшасаң болмок экен.

- Жок, эми шаарга баралбайм, - деди Өмүрбек башын жерге сала.

- Терс жолго түшкөндөн соосуңбу деги? - Сарыбай Өмүрбекти ормойо карады.

- Жо-ок, андай деле эмес, бирок ошого жакыныраак…

- Балам ай, - деп күрсүнүп алды Сарыбай.

- Таажезде, айтпай кетип калганым үчүн кечиргиле.

- Эчтеке эмес, мен сени издеп Тейитбекке чейин баргам, ал ичпей адам болуп калыптыр.

- Бардыңыз беле?

- Ооба, үйүндө экен, ичпей оңолуп калыптыр, акыл-насаат айтып келгем.

- Азыр эч ким жок экен, үй бек турат.

- Апасына кеткендир…

- Аларды билбейм да.

- Атаңа эми мен алып барам, таежең келсин. Тумаш, бирдемең барбы, кызым, кардым ачты, алып келчи.

- Ооба, ата, азыр даяр болуп калды.

- Узак менен Кубат болсо удаа-удаа эле аскерге чакырылган, Узак майда келет, Кубат кийинки жылы келет, буйруса.

- Бир чоң милдеттен кутулуп, аскердик такшалуудан өтүп келгени жакшы да, адам болуп, тартип көрүп дегендей.

- Эми үйлөнөсүңбү?

- Азырынча жок, совхозго кирсем болобу?

- Болот, эртең эле киргизем.

- Жарайт анда, эртеңден баштап шымалана ишке киришейин. Алысты да көрүп келдим, жашоо үчүн шаарбы, кыштакпы, негизгиси татыктуу жашоодо экен, жезде.

- Албетте, ошону түшүнгөнүңө рахмат, андан көрө сен азыр ашыкпа, Уларкан келсе сени атаңдын туугандарына тааныштырып келсек кантет?

- Өздөрү издеп келбеди, жезде, мен дагы барбайм.

- Кой, антпе, сага өз ага-туугандарың керек болот, балам, сен эми чоңойдуң, Тейитбек жаман киши эмес, мен сага бир нерсени тактап айтып коюшум керек, - деген Сарыбай ойлуу мурутун сыйпалап калды. - Сенин атаң Чынарканды алып барганда ата-энеси кабыл албай койгон экен, ошондуктан атаң аларга таарынып көп жыл катышпай жүрүштү. Ошондон улам Тейит өтүнө албаса керек.

- Эмнеге антиптир?

- Кайдан билем, балам, алар башка кызды алып беребиз дешкен шекилдүү, Тейит апаңды жакшы көрүп, алардын сөзүн укпай койгон го?

- Демек, өздөрү каалабаган келинден төрөлгөн баланын аларга кереги жок болгону да, андай болсо менен алардын астанасын өлгүчө аттабайм!

- Анткениң болбойт, адам кечиримдүүлүктүн артынан көп нерсеге жетишет, эмитен ачууга алдырбай акыл калчап иш кылганга үйрөн.

- Ал үчүн мен жакшылап ойлонушум керек, жезде, азырынча иштей берейин, анан көрөөрбүз.

Аңгыча Тумарбү тамагын алып келип, дасторкон жайды, баары чогуу отуруп тамактанышты. Андан кийин орун салып жатып калышты. Тумарбүнүн жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, жүрөгү толкундоодон тез-тез кагып, махабаттын учкундары көздөрүн тумандатып турган чак. "Мен Жакинди сүйөм, ал дагы мени сүйөт. Бирөө жарым ала качса да, атамдар беребиз дешсе да, эч кимисине макул болбойм. Бир гана Жакинге чыгам, башканын кереги жок, мен сүйүүгө кабылдым, мен Жакинди сүйөм!" - деп балалык эргүүсү ичине батпай бүт дүйнө жүзүнө аруу махабатын жар сала бакыргысы келип турду. Жакин андан бетер: "Тумаштын мени сүйөөрүн алда качан сезгемин, биз сүйүү менен гана жашайбыз. Аяш атамдар мен алып кетсем каршы деле болбойт чыгаар", - деп бул жолу эч кимге сыр бербеди. Бирок дал ошол кезде Анаркул Тумарбүнү сыртынан жактырып, оңутун таап ага жолуга албай жүргөн. Жакинди жөнөткөн күнү достору менен мектепти айланчыктап жүрдү. Айлана-теребел жаңыдан жашылдан көйнөк кийип, көркүнө чыга алма-өрүктөр гүлдөп калган. Бутактан бутакка учуп-конуп, миң түрлүү кубулжута сайраган чымчыктардын үнү жаратылыштын кооздугуна өзгөчө шаң кошуп турат. Ээликкен жаш жүрөктөр сүйүүлөрүн дал ушул ажайып мезгилдин керемет бойокторуна кошо сүртүп, бири-бирине билдирүүгө ашыккан жаз көктөмү. Кыздар менен мектептен чыккан Тумарбү көңүлдөрүндө кири жок, бактылуу балалыктын доорундагы жаштар менен катарлаш шатыра-шатман кетип баратты.

- Тумаш, сенде сөзүм бар эле, - деди өзү менен бир класста окуган Илгиз.

- Эмне сөз?

- Бери бассаң эми.

- Сүйүүсүн айтат го, угуп кой да, - деп күлдү Шахра шакылыктай.

- Шахра, сен жөн турчу, - деп Тумарбү чукчуңдай курбуларынан бөлүнө ары басты. - Токтой тургула, мен азыр.. .

- Жарайт, токтоп туралы, - дешип кыздар топтоло туруп калышты.

- Илгиз, эмне сөзүң бар эле, айта бер?

- Тумаш, сага мына муну берейин дегем, - деп Илгиз конверт сунду.

- Муну эмне кылам?

- Окуйсуң да.

- Мен мунуңду ала албайм, Илгиз, экинчи убара болбо! - деген Тумарбү конвертти албай шарт бурулуп басып кетти.

- Тумаш, токтосоң! - деген бойдон Илгиз мостоюп кала берди.

- Эмне сөзү бар экен? - деп кыздар дароо Тумарбүнү тегеректеп калышты.

- Жана алгебрадан жазган теманы сурайт, эртеңкиге жаза келесиңби дегенинен болбой койдум, - деп калп айта салган Тумарбү ылдамдай кадам таштады.

- Ошол элеби, аны класстан деле айтпайт беле?

- Ошону айтсаң, өзү деле жакшы билет го?

- Шылтоосу да, - дешип кыздар каткырып күлүп жатышты.

Тумарбү үндөгөн жок, кабагы бүркөлө Жакинди ойлоп баратты: "Кумаш эжемдей кылып мени дагы ала качып кетишсе канттим, Жакинге жетпей каламбы?" - деп капалана кыздардан бөлүнүп, үйүнө кетчү жолго түшкөндө артынан акмалап жүргөн Анаркул менен бир бала жете келди.

- Салам, сулуу кыз? - Ыржая күлүп катар басышты.

- Сиздерге эмне керек?

- Эчтеке, бажырайган кызыл гүлгө кимдер көңүл бурбасын,

Жалындаган жаш жүрөктүн алоосун жалгыз өзүң басасың.

Жүз үйрүбө, кара көзүм, сүйүп калдым кантейин,

Чөгүп турган көңүлүмдү өзүң гана ачасың, - деп Анаркул кыздын жолун тороду. - Таанышып алалы, менин атым Анаркул.

- Жолумду тоспоңуз, сиз менен таанышканга убактым жок!

- Сулуу кыздар текебер келишет, сүйүүгө туруксуз, - деди беркиси.

- Сүйүү жөнүндө сүйлөшкөндөй кимсиңер силер? - деп жини келген кыз өтүп кетмек болгондо Анаркул аны билектен алды.

- Чоң кыз, текеберликти кой, чоңоюп калыпсыз.

- Ишиңер болбосун! - деп Тумарбү колун тартып алды. - Кармап көр, милицияга берем, уктуңбу?

- Койчу эми, таанышып эле койчу?! - деп Анаркул жоошуй сүйлөдү.

- Тургулачы нары, мен али окуучумун, - деп Тумарбү ыйлагысы келип кетти эле Анаркул эки колун чөнтөгүнө салып, жандай басты.

- Менин атым Анаркул.

- Тумарбү.

- Рахмат, тамашалап койгонубузду кечир, чоң кыз.

- Эчтеке эмес, бирок экинчи жолумдан чыкчу болбогула, эл көрсө кеп кылат.

- Элдин биз менен кандай иши болмок эле?

- Билесизби, адамдар кандай, көргөнүн дароо ушакка айлантып жиберишет, өзүңөрдүн деле карындашыңар бар чыгаар?

- Бар дечи, бирок ачылган гүл менен бойго жеткен кызды кимдер сүйбөйт, сизди көргөндөн бери күн тынчымдан, түн уйкумдан кетип, жаман абалда калдым.

- Эмне, ошончолук эле коркунучтуу бекенмин? - Кыз Анаркулду какшыктай сүйлөп, мисирейе карап койду.

- Жо-ок, тескерисинче сулуулугуңуз акылымдан адаштырып салды.

- Коюңузчу, чын элеби? - Тумарбү шылдыңдуу жылмайды.

- Чын айтам, Тумарбү, ишен мага, жүрөгүмдө жалгыз гана сиз жашап калдыңыз, сиздин жүрөгүңүздөн мендей шордууга орун табылаар бекен?

- Кечигип калдыңыз, менин жүрөгүмдө башка жигиттин жашаганына көп болду, - деп кыз токтой калып, ага кайрылды. - Жакшылыкча коштошолу, мен үйүмө келип калдым, агам сиздерди көрсө, баарыбызга жаман болот.

- Тумарбү, кантип эле кечигип калдым, кыз кылыгы менен баалуу дегендей кылып жаткан жоксузбу? - Анаркул кызды сынай карады.

- Сиз менен тамашалашкыдай теңтушуңуз белем?

- Картая элекмин.

- Көрүнүп турат, жок дегенде отуз эркечтин башын жегениңиз.

- Эркектин эң жетилген жери элүү…

- Анда жаңы эле көз ачкансыз го?

- Дал ошондой.

- Жакшы барыңыз, атам келатат.

- Сөздөрүң мынча ширин.

- Кош болуңуз. - Кыз ылдамдай басып кетип калды.

- Пай-пай, оңой кыз эмес экен, - деп башын чайкады досу.

- Кайда бармак эле, акыры көнөт да, тай туйлап такка конобу деп бекер айтпаган. Шашпа-а, өзү артыман жүгүрө турган болот, - деп Анаркул керсейе артына бурулду. Ошондон тартып кызга кээде сабактан чыкканда, кээде үйүнүн жанынан жолуга калып, ал-жай сурашып коюп жүрө берди. Аңгыча май айынын сирень гүлү аңкыган жыпар жытын чачкан күндөрүнүн ары жагымдуу, ары жаркын үмүттөрдү тартуулаган мезгили 25-майдагы акыркы коңгуроо кирип келди. Мектеп босогосун аттап, келечекке өз алдынча кадам койгону турган боз уландар жалпы кызыл жагоочон, ак көйнөк кара шым кийишкен, кыздар форманын үстүнөн аппак фартук тагынып, чачтарында бантиктери барпаят. Мектептин алды шаңга бөлөнүп, музыка жаңырып турду. Бир күн мурун Жакин шаардан чоң букет гүлдү сууга салып алып келген. Эртеси ал мектептин короосунда турган Тумарбү менен Уларканга басып келип учурашты:

- Аяш апа, кандайсыз?

- Жакшы, садага, качан келдиң? - Уларкан анын колундагы кыпкызыл розаларды карап койду.

- Кечээ келгем, Тумашты куттуктап койойун деп.. . - Тайсалдай түшкөнү менен ачыгын айтты Жакин.

- Рахмат, садага, ошондон ушуга убара болупсуң да.

- Карындашым эмеспи, анын үстүнө жумушум да бар эле…

- Аа-а, - деп Уларкан Тумарбүнү карады. - Ооба, карындашың эмей.

- Тумаш, бүгүнкү майрамың менен! - деген Жакин жылмая кызга гүлүн сунду.

- Рахмат, - деди Тумарбү, уялыңкы жер карай гүлдү алды, анда туура он жети тал гүл бар эле. - Убара болупсуз.. .

Бул экөөнүн көз карашынан бир нерсени сезгендей болгон Уларкан ичинен сызып калды: "Ээ, кудай, булар соо эмес го, бу Жакин эми Тумашты шынаарлап калганбы, эми эмне болот? Мейли, билмексен боло турайын", - деп ойлонуп унчукпады.

- Тумаш, мен бара берейин, коңгуроодон кийин үйгө бар, - деди да, жооп күтпөй эле ары көздөй басып кетти. Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу чогулуштан кийин мектептин жанындагы бактын ичинде эки-экиден, беш-алтыдан топтошкон жаштар жүрдү. Алардан өйдөрөөктө Жакин менен Тумарбү турат.

- Сизди келет деп күткөн жок элем, - деди кыз наздуу жылмая карап.

- Ишенген эмес экенсиң да?

- Ишенгем, бирок келет деп ойлогон эмесмин.

- Мен айткандан кийин сөзсүз аткарам. Тумаш, сен бүгүн үйгө кетесиңби? - Жакин акырын сурады.

- Жок, бүгүн вечерибиз бар, мугалимдерден суранганбыз, мектепти бүтүп жатпайбызбы, эми ушул бойдон качан чогулабыз ким билет.

- Барганыңа үйдөгүлөр каршы эмеспи?

- Айта элекмин.

- Барбай койсоң эмне болот?

- Уят го, баары эле барышат.

- Тумаш, мен анда сага кечинде жолугайын, азыр үйүңө барасың да? - деди Жакин кыздардын баары экөөнү карап турганынан улам тартына. Анткени экөөнүн ортосундагы он эки жаш айырмасы даана эле байкалып турган. Ошол кезде бир кыз:

- Ээй, Тумаш, бери келсең! - деп кыйкырып калды. Ага Тумарбү:

- Азыр! - деди да, кайра Жакинге кайрылды. - Сиз бара бериңиз ээ?

- Жарайт, кечинде жолугабыз, макулбу?

- Макул, - деп аны бактан узатып чыкты. - Мен анан барам, - деп күлүп коюп, артка кайрылды. Кыздар анын колундагы гүлдү карап, бири-бирин түртө күлүп калышты.

- Бул ким, Тумаш?

- Жигитиңби ыя?

- Бул жерлик эмес ко? - дешип үстөк-босток суроо жаадырышты.

- Ал менин аяш акем.

- Аа-а ошондой, сенден улуу экен.

- Жөн эле божомол кылып ийесиңер да, - деди Шахра кыздарды карай. - Тумаш аны ата кылмак беле?

- Бирок жакшынакай жигит экен, үй-бүлөсү болсо керек ээ? - деп Айсалкын деген классташы Тумарбүгө суроолуу тигилди. - Үйлөнгөнбү аяш акең?

- Анысын билбейм.

- Сени күтүп жүрүптүр дейт, барып таанышып калбайт белең? - деп Шахра аны какшыктап калды.

- Чынында сулуу жигит экен, эмне, айтса болбойбу?

- Гүлдү аяш акең алып келдиби, ай-ий жытын ай, свежий экен.

- Ооба, шаардан алып келди, - деди Тумарбү.

Ошол маалда кыздардын жанына Анаркул басып келди, жасанып алыптыр, колунда тоодон алынган гүл.

- Майрамыңар менен кыздар.

- Рахмат, - деди кыздар бир ооздон. Тумарбү бирдемелерди сүйлөгөн болуп, ага артын сала байкамаксан болуп тура берди. Кыздар бул гүлдү кимибизге берээр экен деп карап калганда Анаркул:

- Тумарбү, майрамың менен куттуктайм! - деди маңдай жагына барып.

- Рахмат! - Тумарбү жигит сунган гүлдү жанындагы кызга кармата койду. - Ар дайым кечигесиз, ошондуктан убара болбой эле койсоңуз да болмок, - деди жылмая колундагы розаны жыттап.

- Бул гүлдү алып келүү үчүн уйкудан калдым эле…

- Өкүнүчтүү.

- Сизди мага алып келген экен десе, - деп таарына түштү Саида деген кыз, анткени анын коңшусу эле.

- Кыздар, кечирип койгула.

- Эмнеге кечирим сурайсыз? - деп жылмайды Шахра.

- Силердин алдыңарда шагым сынат деп ойлогон жок элем, бирок текеберчиликтин да чеги болот, асмандан түшпөй жүрө берүү кыйын, бир айылданбыз, көрүп-биле жатаарбыз, - деп Анаркул шарт бурула жөнөгөндө Тумарбү дагы жөн калбай:

- Биз али уядан учуп жаткан балапандарбыз, балким өзүңүз асманда жүргөн болбоңуз? - деди.

- Кыздардын асманда жүргөнү көп, - деп бурула айтты да, тез-тез басып алыстап кетти Анаркул. Ал абдан ыза болду, мээнет менен тоого барып, атайын адырдагы кол жетпеген гүлдөрдөн алып келсе, Тумарбүнүн жанындагы кызга бере салганына ызаланды. "Шашпа, мектепти бүткөн күнү ала качам", - деп ойлоп, атасына бүгүн эле барып айтмак болду оюнда. Бирок үйүнө жете берээрде Жакинге жолугуп калды.

- Кайда жүрөсүң? - деди ал озуна учурашкандан кийин.

- Өзүң качан келдиң? - деди Анаркул тоодон атайын Тумарбү үчүн гүл алып келгенин айткысы келбей.

- Кечээ кечинде келдим.

- Эмне жумуш?

- Жөн жай эле.

- Деги качан үйлөнөсүң, Кумарбү кетип калса эле башка кызга көңүлүң чаппай калдыбы?

- Өзүңчү, өзүң качан үйлөнөсүң?

- Жакында, бир кыз асманда каалгыган каркырадай керкейет, ала качып алып, атасын таанытпасамбы?

- Ушу айылдыктар түркөй десе намыстанасыңар, а кыздын ички дүйнөсү менен ишиңер жок, өзү жаныңарда болгону менен ой-санаасы башкада болсо анны ала качыштын, анан дагы атасын окутуштун эмне кереги бар?

- Сүйүүңдү түшүнбөй жатсачы, анан айла жок алып качасың да.

- Демек сүйбөйт, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген кеп бар эмеспи.

- Акылдуусунбай аяк алып ичээр улуусуң, сен ал да, - деп тийише айтты Анаркул.

Чынында Анаркул Тумарбүнү Кумарбүнүн сиңдиси деп ойлогон да эмес, анын кимдин кызы экенин да кызыгып сурабаган. Экөө ээрчише Анаркулдун үйүнө келишти. Толкунбектин аялы Абазгүл аларды мээримдүү жылмая тосуп алды.

- Окшошкон арамдар десе, экөөңөр тең отузга чыгайын деп калдыңар, качан үйлөнөсүңөр эми, ушу силерге бир эгиз кыздарды таппасам болбой калды, - деп күлүп ичкери киргизди. - Атаңдар кандай жатышат, Жакин?

- Жакшы, салам айтышты.

- Кийинки кезде тез-тез келип калдың да, дагы бирөө жагып калган го, эми озунуп алып кете гөр.

- Буйруса, апа, эч кимге илдирбейм.

- Азамат, ар нерсе өз буйругу менен болот да, кагылайын, асты башыңар аман болсо баары болот, - деп дасторкон жайып жатканда Толкунбек келип калды.

- Ас-салоому алейкум, ата!

- Аллеки салам, кел, шаардык!

- Келдим.

- Бу эз-зели айылга келчү эмес элең, айылдын кыздары сени азгырып, чакырып жатышканбы дейм? - деди Толкунбек инисинин баласына. - Сак бол эми, дагы алдырып ийбей.

- Алдырбайм.

- Иши кылса катуу бол, эртелеп озунбасаң карт бойдок болуп жүрө бересиң, - деп карсылдап күлүп калды.

- Кудай сактасын, ата, эмкиде алдырайм!

- Анаркулга кайтартып кой, эч кимге алдырбай турсун, - деп ого бетер экөөнү тамашалай күлдү Толкунбек.

- Айтпайсыңбы, кайтарам эле, - деп Анаркул купшуңдап койду.

- Сен үйлөнсөң эле Анаркулду да үйлөнтөбүз, айылда кыздан көп неме жок, дегеле буга кыз жакпайбы, же өзү жакпайбы, айтор колоктоп бой жүрөт.

- Ата, эми үйлөнөм, жакында үйлөнсөм болобу? - Анаркул атасын карап калды.

- Кимге?

- Бир кызга.

- Кимдин кызы экен?

- Атасын сураганым жок, Тумарбү деген кыз.

- Тумарбү? - Жакин аны делдейе карады.

- Ооба, а сен эмнеге чочуп кеттиң?

- Аа-а, жөн эле…

- Эртең барып кимдин кызы экенин билип кел, - деди Толкунбек коюу каштарын чытып, олуттуу кебетелене. - Кандай кишинин кызы, урук-тууганы кандай экенин билиш керек, сүйлөштүң беле?

- Макул, - деп Анаркул ойлонуп калды, Жакин болсо бир чыны чай ичип эле тура жөнөдү. - Мындай таанышпыз, бирок сүйлөшкөн жокмун, - деди Анаркул ал чыгып кеткенден кийин.

- Сүйлөшпөсөң кыз макул боло койобу?

- Болот.

- Болот, дегенин кара, сен бирөөнүн баласын оюнчук көрөсүңбү, сүйлөшпөй туруп алып келем деп ойлобо!

- Эмне болот экен, качан үйлөнөм деп убара кылчу элем, мага ал кыз жакты…

- Адегенде ата-энесин билип келчи.

- Макул, - деп башын жерге салган Анаркул дасторконго бата кылымыш этип, Жакиндин артынан чыкты. Ал эбак караанын үзүптүр. "Демек Тумарбү Кумарбүнүн сиңдиси экен да, Жакин эмнеге чочуп кетти, эми сиңдисинен үмүт этип жүрөбү? Балким ал кыз дагы муну… ", - деп ойлоп кайра оюнан кайтты: "кантип эле, эжесин сүйүп-күйүп жүрсө, сиңдиси макул болмок беле?" деп ойлоп өзүн алаксыта чоң энесиникине жөнөдү.

Ар жак-бер жакты карап, Жакинди көрө албаган соң, Турдубү эшикте жүргөн экен, шырп алдырбай жыла басып жетти да, аркасынан:

- Баф! - деп чочута кармап калды.

- Ата-аңдын башы! - деп бакырган Турдубү бурула берип небересин көрө күлүп жиберди. - Ой башың өскүр десе, чочутуп ийбедиңби, балам.

- Жөн эле чочуй бересизби?

- Ка-апырай де, чочубай анан.

- Чоң эне?

- Ийи, эмне дегиң келип жатат, арам, мени тамтаңдатпа.

- Сиз дагы коркосузбу?

- Эмнеден, ботом?

- Деги да, эмнеден коркосуз?

- Мен эчтекеден коркпойм, кудайдан башка бийлик жок, каралдым, корко турган эмнем калды дейсиң? - Чоң энеси ойлуу дөңгөчкө отура калды. - Бир коркконум жараткан, силердин жамандыгыңарды көрбөсөм экен деп тилейм…

- Өлүмдөнчү?

- Эмне дейт, чунак?

- Өлүмдөн коркосузбу дейм?

- Жок, өлүм ак, садага, ушул жашты бергенине да шүгүр, эми эмнеден коркоюн, ансыз дагы карылык өз кишенин салып чидерлеп койгон, эртедир-кечтир кабары келсе кайда качмак элем?

- Чын эле коркпойсузбу, чоң эне?

- Ой, бала, сен эмне эле минтип сурап калгансың? - Ормойо небересин карап калды Турдубү.

- Деги да.

- Ар-рам десе, - деп Анаркулду чачынан сылады. - Ай, балам, качан эсиңе кирип, токтолосуң ыя?

- Менин токтолгонум качан, чоң эне.

- Балакетиңди алайын десе, ооба десең, сенин чоңойгонуң качан? - деп тунжурай отуруп калды.

- Жакин кайда кетти, чоң эне?

- Билбейм, жана келди эле, жүргөндүр бир жерде.

- Шаарга кетем дейби?

- Билбейм, кетсе кетээр, кетпесе жүрүп кетээр.

- Ал үйлөнөм деп жатабы?

- Кайдан билдим, бу сен Жакин экөөңөр ырас эле качан үйлөнөсүңөр ыя? - деди эне чын дилинен уккусу келип тургандай.

- Мен катын албайм! - деп бурк эте Анаркул туруп кетти.

- Ок, эмнеге албайсың?

- Жөн эле, кеттим, чоң эне, - деген бойдон Анаркул короодон чыгып кетти.

Эне небересинин артынан карап алып, өзүнчө ойго бата үйгө кирип баратып, кайра сыртка чыкты.

- Ботом, Элнур кайда жүрөт? - деп сүйлөнө короодон чыгып, эки жагын карап калды. Анаркул көчөдө кетип баратып өзүнчө бир кызык боло: "Кызык, эжеси менен сүйлөшүп жүрүп, эми сиңдисине үйлөнөбү? Жүрөгүм бош эмес, кечигип калдыңыз дегени ушул турбайбы, эми эмне кылам, тилимди тишиме катып, үндөбөй кала беремби? Башка бирөө болгондо эмне, баары бир өзүнөн бир ооз сурап көрүшүм керек", - деп ойлоп ыргылжың боло үйүнө жөнөдү.

Жакин Тумарбү экөө ээрчише үйдөн чыгышты, Уларкан аны коргоочу кылып кошуп берди.

- Тумаш, мен сени сырттан көзөмөлдөп турам, эгерде бирөө тийише турган болсо мени чакырып кой, - деп күлдү Жакин.

- Коюңузчу, өзүм менен бирге өскөн балдар-кыздар, кайра жеткирип коюшат, сиз кеч калбай бара бериңиз?

- Аяш апам мага ишенип калды, мен кетип калсам уят го?

- Мен өзүм айтып койом, бара бериңиз, мени кыздар күтүп калышты, анын үстүнө бизден мугалимдер шек алып калбашы керек, антпесе эртең экзаменде баа койбой уят кылат, - деп Тумарбү эки жагын элеңдей карады.

- Тумаш.

- Ийи.

- Мен сени сүйөм, - деген Жакин аны шап колдон кармады.

- Кантип? - Кыз күлүмсүрөй жалт карап алып, көзүн ала качып, калп эле башын буруп кетти.

- Мына минтип, - деп Жакин кызды кучактап, бетинен өөп алды. Экөө бир топко кучакташып үнсүз турушту. - Тумаш, сен мени сүйөсүңбү?

- Билбейм, - деди кыз кыялдана. - Ойлоп көрүш керек.

- Айтпасаң койо бербейм, ушинтип тура берем.

- Анда эмне болот? - деди кыз кежирлене.

- Элдин баары көрөт, анан классташтарың угат.

- Укса уга берсин.

- Коркпойсуңбу?

- Сиз турбайсызбы?

- Менин колумдан эмне келет? - деп Жакин күлүп ийди.

- Сиз мени алып кетесизби?

- Сүйөм десең.

- Кантип айтам?

- Ушинтип эле.

- Ооба, мен сизди сүйөм! - деди да кыз дароо бетин басып калды.

- Чынбы, эгерде сүйгөнүң чын болсо мени угасыңбы?

- Эмнени?

- Бүгүн экөөбүз бирге бололучу. Карачы түндүн сулуугун, сен менин жанымда турганда айсыз караңгы түн жарык, кычыраган кыш мемирген жай болуп көрүнөт. Сен менин аткан таңым бол, бүгүнкү түндү бирге өткөрүп, таңды бирге тосолучу…

- Кыздар эртең апамдан сурашсачы?

- Сурабайт.

- Жок, алар сөзсүз сурайт, Шахра деген курбум атайын барышы мүмкүн. Мен кирип, бир аз отуруп, анан келе берейин.

- Жарайт, бирок көп кечикпе.

- Тез эле чыгам.

- Мен сени күтөм, - деп Жакин кыз кеткен жакты карап туруп калды.

Убакыт кеч күүгүм эле. Тумарбү кирип келгенде баары аны жалт карашты, күндүзү конвертин бере албай калган Илгиз дагы эки бети албыра жүзүнөн кубанычтын учкундары чачыраган кызды эми көрүп тургандай аңырайып карап турду.

- Сен эмнеге кечиктиң, ушунча дагы жоголосуңбу? Агай-эжелер билип кала электе тезирээк тарашыбыз керек, ансыз деле кыздардан төртөөбүз эле, калгандарын ата-энеси жибербей коюптур, - деп Шахра эбиреп жиберди.

- Үйдөгүлөр жибербей жатты, болбосо качан эле келмекмин.

- Бар, Илгиздин жанына отур.

- Эмнеге Илгиздин жанына, башка жакта орун жокпу? - Тумарбү отургандарды тегерете карады. - Мен Сейтектин эле жанына отурам, - деп күлө атайын ошол жакка өтүп, отуруп алды.

- Азаматсың, Тумарбү, эртең Назираны кызгандыра турган болдуң.

- Назира ыйлап жүрбөсүн? - деп баары күлүп калышты.

Илгиз эчтеке укпагандай дулдуюп отура берди.

- Назирага өзүм айтам, эмнеге келбей койдуң, бүгүнкү отурушта меники, калган күндөрү сеники дейм да, - деп Тумарбү шаңкылдай күлүп калды.

- Туура айтат Тумарбү, Назираны ким келбе дептир? - деп Сейтек дагы каткырып койгондо Илгиз туталанып кетти.

- Тумарбү, ар дайым бирөөнү бузгуча колу-жолу бошторду эле тандасаң болмок.

- Көңүлүмө жакпаса дүйнө жүзүн титиреткен атактуу болсо да карабайм, жаккан болсо көчө шыпыргыч болсо да тандайм, - дегенде баары жабыла күлүп калышты.

Илгиз унчукпай ордунан турду да:

- Сага жабышып калган эч ким жок, жанагы картаң немеге кетээрсиң көп болсо, Тумаш-Тумаш деп койсо көтөрүлөсүң да тим эле, - деп сыртка чыгып кетти.

- Илгиз, оюнду көтөрө албай кайда жөнөдүң? - деди бири артынан чыгып.

- Кетем, жумушум бар, - деп буркулдаган Илгиз артын карабай кетип калды.

Анын артынан эки-үч бала болуп чыгышкан. Тумарбү алар чыкканда: "Жакинди көрүп калса эмне болот, мушташ болуп жүрбөсүн, Илгиз көрсө сөзсүз аны менен урушат", - деп коркуп кетти.

- Кыздар, балдар, мени зорго эле жиберишкен, эшикте байкем бар, эртерээк кетпесем болбойт, - деди ал отургандарды карай. - Мага уруксат бергиле, силерди таарынып калбасын деп эле келгем.

- Кызыксың го, эми эле келдиң го?

- Көрүнүп коюп кетейин дегем.

- Койчу ай, бир айдан кийин ансыз деле тарайбыз. Агай-эжейден жашырынып отуруп жатсак, ар кимиң ар кайсы ишти шылтоолоп качтыңар, тартиптүү болуп көрүнөсүңөр. Биз эмне ээн баш кыз бекенбиз? - деп Шахра таарына түштү.

- Андай деле эмес, атам атайын жолугуп бир аз отуруп, баса бер деген.

- Ма-акул, бирок тамак ичип кет.

- Жо-ок, рахмат, байкем күтүп калды, - деп сыртка карай жөнөдү.

Ал чыкканда балдар өздөрүнчө кужулдашып туруптур. Тумарбү унчукпай өтө бергенде Илгиз аны көрө коюп:

- Тумар, сен кайда? - деп аны көздөй басты.

- Илгиз, мен кетип жатам, жакшы отургула, - деди кыз ылдамыраак узап кетүүгө ашыга.

Ошондо балдар аны тегеректеп калышты.

- Тумар, бир аз отурбайсыңбы?

- Кетпей эле койчу, биз жеткирип койобуз.

- Отурбайсыңбы эми.

- Жок, балдар, мен бир азга эле жооп сурап келгемин, - деди да Тумарбү баарына аргасыз жылмая карады.

Илгиз башкалардан бөлүнө:

- Мен жеткирип койойун, - деп Тумарбүнү карады.

- Жок, Илгиз, мени байкем күтүп жатат, аны атамдар кошуп берген, Өмүрбек байкемди билесиңерби? - деди Тумарбү калп айта.

- Ой, андан коркобуз, барбай эле кой, - деди бири.

- Кой, мен кеттим, - деп Тумарбү шашыла жөнөдү.

- Жакшы бар, Тумар, - деп кала беришти балдар.

Тумарбү шылтоо тапканына кубана шашып-бушуп эки жагын элеңдей карап кетип баратканда алды жагынан Жакин утурлай чыкты.

- Келдиңби?

- Ооба, өөх, кутулуп чыгуу кыйын болду.

- Иши кылса келдиң, - деп Жакин кызды колтугунан жеңил алып, көчөнүн башына бет алды.

- Кайда барабыз?

- Бир жакшы жерге барып отуралы, - деген Жакин менен Тумарбү айылдын четиндеги алма бактын ичин аралай кирип, орто чениндеги дарактын түбүнө отура кетишти.

- Кандай, кыздарың жакшы отуруптурбу?

- Аябай, - деп кыз жадырай караганда төбөдөгү жай жылып бараткан айга көздөрү чагылыша жалт-жулт этип, андан ары жигиттин көздөрүнө кадала түштү.

- Жакса отуруп калбайт белең? - деп койду Жакин атайын сынай.

- Мен берген убаданы унутпайм.

- Ким үчүн ашыктың, Тумаш?

- Сиз, сиз үчүн!

- Ыраазымын, - деп Жакин колундагы баштыкчадан азыраак конфет-печенье, анан бир бөтөлкө вино алып чыкты. - Мына, эми сен аз күндөрдөн кийин өз алдыңча турмуш жолуна аттанганы...

- Эмне дейсиз? - Кыз чоочуй карады.

- Дегеним, мектеп партасынан чыгып, жашоону ата-эненин эмес өз жүрөгүң менен көрүп, таанып, турмуштун кең жолуна түшөсүң. Эми сен баягы эрке Тумар эмессиң, бой жетип суйкайган сулуу кыз Тумарбүсүң, - деп аягында тамашалай күлүп койду.

- Аныңыз ырас, экзаменди ийгиликтүү тапшырып алсам кудай буйруса журналистка болом, балким мугалим, иши кылып зор максаттарым бар, ошолорго жетсем бактылуумун.

- Жетишиңе тилектешмин.

- Рахмат.

- Тумаш, кел эми, сенин ушул жашоодогу даңгыр жолдон тайгаланбай басышың жана асыл, бийик максаттарыңдын ишке ашышы үчүн аздап алып койолу, - деди Жакин койнуна катып алган чыныга винодон куюп сунуп.

- Мен ичип көргөн эмесмин да.

- Эч ким төрөлгөндө ичип төрөлгөн эмес, баары ушундан башталат, Тумаш, алып койчу, бүгүнкү майрамды белгилеп койбосок болбойт го? - Кызды имере өзүнө тартып, берки колундагы стаканды колуна карматты.

- Ичпей эле койбойлубу? - деди кыз кыйыла.

- Эч нерсе болбойт, аз-аз эле…

- Болуптур, - деп Тумарбү идишти колуна алды. - Мен бир гана нерсе үчүн ичем, - деп жигитти жалжылдай карады ал. - Бир гана сүйүү үчүн ичем!

- Жаркын жазым, кийинки кездерде жазды элестетсем сени эстейм, сени көрсөм жазды элестетчү болдум. Анткени сенин жан дүйнөң жазга окшош, мээримдүүлүгүң жүрөгүмө жакын, көңүлүмө эш, - деп кыздын маңдайындагы сеңселе желге желпилдеген саамай чачын артка карай сылап, чекесинен өөп койду.

Кыздын бүткөн бою заматта чымырай түштү. Ушул айлуу түн эки жаштын аруу сүйүүсүнө күбө болуп, күбө болгонун далилдегендей булут арасына жашынды. Себеби илгертен эчен жаштардын, эчен кыз-жигиттин өз теңине жетпей көз жаш төккөнүнө өзү күбө болбодубу. Ошондуктан ай-ааламды алаканга салгандай көрүп туруп, ашыктардын армандуу көз жашына даба боло албаган, булуттарга жашынган алтын ай бул жолу эки жаштын тилегинин ишке ашышын чын дилден каалап, каалгый сүзүп баратты…

- Эмнеге ойлонуп калдыңыз? - деди кыз коңгуроодой назик үнү менен түнкү мемиреген тынчтыкты буза.

- Ойлонгонум жок, тек сени гана ойлонуп жатам, менин сага деген сүйүүмө төбөдө каалгыган ай күбө, Тумаш.

- Мен дагы, мен дагы сизди сүйөм, - деп кыз жигиттин ийинине башын жөлөдү. - Ошол айдын өзү күбө болсун, толгон ай жер жүзүнө тегиз жарык берген сымал мен дагы чексиз сүйүүм менен жүрөгүңүзгө жылуулук тартуулап, өмүр бою сизди аздектеп өтүүгө сөз берем.

- Мен дагы, Тумашым, жүрөгүмө тагылган тумарым жалгыз өзүңсүң, - деп жигит кызды кучагына кысты. Аздап ичкен виного эргий түшкөн эки жаш көк шиберге катарынан түшүп, асмандагы жылдыздарды, анда-мында карайган булуттардын арасында бир көрүнүп, бир жашынып каалгыган айды тиктеп көпкө жатышты.

- Жакин байке, мурда кыз сүйдүңүз беле?

- Ооба…

- Аны таштап кеттиңиз беле?

- Жо-ок, ал тээтиги жылдыздардын арасына учуп кеткен.

- Өлүп калганбы? - Кыз чочуп кетти.

- Ийи.

- Ооруду беле?

- Ооба, - деди Жакин кыска гана, - биз жаңыдан гана студент болгонбуз, ал мени менен курсташ болчу. Өзү бала кезинен оорукчан экен, биз бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү сабакка келбей калды, ооруканага жатып калыптыр. Мен барганда абалы өтө оор экен, көрсө тубаса жүрөк оорусу бар тура, бир ай жатты, анан бир күнү барсам жок…

Жакин Арууке менен акыркы жолукканын көз алдына келтирип алды. Ал ошол күнү китеп алып, ооруканага көргөнү барса Аруукенин аябай алсыз, купкуу жүзүндө билинер-билинбес күлүмсүрөө пайда болуп:

- Жакин, мени унутпайсыңбы? - деген.

- Эмнеге антесиң, сен сакайып кетесиң, - деп кайсактады жигит.

- Жо-ок, Жакин, жакында мен кетем, - деди Арууке муңая. - Кечээ түш көрдүм, түшүмдө кичинекейимде өлгөн чоң энем палатага кирип келип, мени колумдан жетелеп кетип жатыптыр. Баары бир кетем, Жакин. - Кыздын көз кычыктарынан жаш куюлуп жатты. Жакин эч нерсе дей албай колдорун кармалап отура берди. - Мен сенден бөлүнгүм келбейт, - дегенде Жакин эңкейе калып, чекесинен өөп:

- Бизди эч ким бөлө албайт, сен сакайып кетесиң, - деди да, палатадан чыга качты. Ошондо Жакин биринчи жолу ыйлаган эле, үстүнө киргиси келбей кетип калган. Эртеси келсе түндө эле үзүлүп, ата-энеси алып кетиптир.

Сизге эмне болду? - деди Тумарбү ага суроолуу карап. - Ойлонуп кеттиңиз.

- Жок-жок, ойлонгонум жок.

- Анда эмнеге унчукпай калдыңыз?

- Сени ойлонуп жатам, кокус мен шаарда жүргөндө ала качып кетсечи?

- Ала качпайт.

- Мен экзамендериң бүткөнчө кетпей эле койсомбу?

- Бара бериңиз, кам санабаңыз, - деп кыз жигитке кынала калды, түнкү салкын аба чыйрыктырып ийген эле.

- Анда эртең кетейинби?

- Бара бериңиз.

- Кетем да, үйдөгүлөрдү камынтып коюп, сенин экзамениң бүтөөрүнө бир күн калганда келем.

- Макул.

- Сүйлөштүк ээ, үшүдүңбү?

- Жок.

- Кел анда..

- Эмне?

- Боорума кысып алайын.

- Кетпейлиби?

- Дагы бир аз туралычы…

- Беш мүнөт.

- Болуптур, - деп Жакин кызды бекем кучактап алды.

Көпкө жатышты. Жигит делебеси козголуп, акактай мөлтүрөгөн сулууну баса калып, аймалагысы келип турса дагы кыздын аруулугун булгагысы келбеди, өзүнүн жан дили менен сүйгөн адамын аруу бойдон ак босогодон аттаткысы келди. Жүрөгү элеп-желеп болуп, кыз кучагында турганга бүткөн бою чымырап кызыктай абалга келип, денеси дүүлүгө баштаганда ордунан тура калды.

- Эмне болду?

- Кеттик.

- Макул, - деп күлүп жиберди Тумарбү. - Беш мүнөт боло элек го?

- Мейли, сени аяш атамдар күтүп калат.

- Ошону ойлодуңузбу? - деген селки ичинен ыраазы боло жигиттин катарында келе берди.

Көптө барып өзүнө келген Жакин:

- Тумаш, - деди акырын.

- Ийи.

- Сени жоготуп албаймбы?

- Ал эмне дегениңиз?

- Билбейм, коркуп кетем.

- Эмнеден?

- Башка бирөө аңдып жүргөндөй сезиле берет.

- Жо-ок, эч ким мени аңдыган жери жок.

- Кайдан билесиң, айылдын балдары менден жакын, мен эртең кетсем башка бирөө менен сүйлөшөсүң го.

- Эч ким менен сүйлөшпөйм.

- Чынбы?

- Чын.

- Экзамениң бүтөөр күнү келем ээ?

- Макул.

- Болду, сүйлөштүк, эми сен үйгө кир, мен кеттим.

- Жакшы барыңыз.

- Жакшы эс ал, - деп кызды колунан тарта жүзүнөн өөп коюп, ал короого кирип кеткенче карап турду.

Тумарбү эки бети албыра үйгө акырын кирип, кол саатын караса таңкы төрт болуп калыптыр. "Таң атып калган тура, атамдар билбей калды ээ, Жакин жетти бекен?" - деп чалкасынан түшүп алып ойлонуп жатты. Ары оонап, бери оонап, таттуу кыялдардын кучагында термелип жатып, бир убакта көзү илинип кетти. Эртең менен кобур-собурдан ойгонуп кетти, ата-энеси инилери туруп, чай ичип отурушкан экен.

- Кызым, кечеңер жакшы өттүбү? - деди Сарыбай Тумарбүнү көрө.

- Рахмат, ата, - деп жер караган кыз сыртка жуунууга чыгып баратты. - Баары жакшы болду.

- Айла-анайын десе, апасы, кызың бойго жетип калган го?

- Чоңойду, эми кудай сактаса экен, ар ким эле сенин кызыңа көз салып жатат имиш.

- Эми көз салса салат да, кызым көзгө урунчу кыздардан, жеткени бактылуу болот, жетпегени алаканын шак койот, байбиче, - деп мурутун жанып койду Сарыбай.

- Ой, сен деги камаарап койбойсуң да, - деди Уларкан ачуулангандай.

- Анын эмнесине камаарайт элем, байбиче, ушундай кызды төрөп берген сага рахмат, алтын байбиче.

- Ата, Тумаш эжем дагы Кумаш эжемдей болуп күйөөгө кетеби? - деп Мурат сурап калды.

- Буйруган күнү кетет, балам, азыр ал бизде конокто жүргөн чагы, эжеңерди сыйлагыла.

- Мен Тумаш эжемди жакшы көрөм, - деп компойду Турат. - Жакин байке бар го, ал эжем менен кө-өпкө сүйлөштү баягүнү.

- Эмне деп?

- Билбейм, мен ойноп кетип калгам.

- Мейли, балам, сүйлөшсө сүйлөшөт да, Жакин жакшы бала, - деп ойлонуп калды Сарыбай. "Жакин эми Тумашка көз салып жүрдү бекен? Эжесинен калганга ыза болуп калды эле, дос да таарынып зорго жазылган. Кокус өздөрү бири-бирин жактырса мен эмне кылмак элем", - деп ойго сүңгүп кетти. Ошо бойдон балдары туруп-туруп кетип, Тумарбү дасторконго отурду.

- Жакин шаардан гүл алып, акыркы коңгуроого келип калыптыр, аябай таңгалдым, - деп калды Уларкан.

- Карындашын куттуктаганы келгендир да, ошого рахмат, - деп Сарыбай кызын карады эле анын жүзү манаттай кызарып кеткенин көрүп: "Аа-а, кызымда бир иш бар экен, Кумаш мындай эмес эле, бул эрте эле кетет шекилдүү", - деп ойлоп алды. - Жакиндин айылда жумушу бар бекен, кызым?

- Ошондой го…

- Ооба, агасында мал-салы бар, ошого келсе керек.

- Окуусун бүтүптүр, иштеп жатам дейт, отпускада экен, - деп Уларкан кайра сөзгө аралашты.

- Жакшы жигит, - деп койду Сарыбай.

- Болсунбектер бизди келип кетсин дептир.

- Качан?

- Качан болсо келишсин деген го?

- Мал-салды тоого чыгарып алалы, анан жайында Тумашты окууга алып барабыз, ошондо кайрылабыз да.

- Ооба, ошентели ээ?

- Барабыз, байбиче. Өмүрбек жок да?

- Кечээ келбей калды.

Өмүрбек ал кезде районго кеткен. Ал Кумарбүнү бир көргүсү келип туруп алды, "Кандай болуп калды экен, балалуу да болуп калса, мени көрүп жаман көрбөс бекен? Жо-ок, ал мени бир тууган инисиндей эле көрөт, аны мен азаптуу күндөрүмдүн эсесине жүрөгүмдө сактап келе жатам. Аз жыл мен үчүн кылымга тете болуп кетти, сагынычым жазылганча сүйлөшсөм эле болду", - деп дареги менен издеп жүрүп таап алды. Кумарбү баласы менен үйдө отурган, Эмилбек түштөнүүгө келип, эшикте жүргөн эле.

- Ассалоому алейкум! - деп короого башбагып эле салам айтты Өмүрбек.

- Аллеки салам.

- Эмилбектин үйү ушул бекен?

- Ооба, - деп Эмилбек аны бүшүркөй карап калды.

- Оой, жездем турбайсызбы? - деди Өмүрбек күлө кайрадан кол сунуп.

- Кел-кел, - деди Эмилбек жылмайган боло: "Иниси аскерден келгенби, бирок аны көрдүм эле, окшошпойт", - деп ойлонгуча үйдөн Кумарбү чыга калды.

- Кел Өмүш, - деди ал өтө жакын экенин далилдегендей. - Шаардан качан келдиң?

- Бир айдай болуп калды.

- Үйгө кир, - Эмилбекти карады. - Өмүш экөөбүз бир тууган бөлө болобуз, бирге чоңойгонбуз.

- Аа-а, ошондой, тааныбадым кечир, кайним, үйгө кир, жакшылап таанышалы.

- Эми тааныша бересиңер, - деп Кумарбү шыпылдай дасторконун жая төргө төшөк салды. "Оо кудай, көрбөгөн бойдон калсам унутат белем, эмнеге көрүндүң көзүмө? Эмилбек эч нерсе билбеген бойдон калса экен, бат эле кетсе жакшы болот эле" - деп ойлогону менен Өмүрбекти көзү тойо карагысы келип, күйөөсүнөн тартынып, жүрөгү бир башкача ээлигип турду. Чай ичип бүткөндөн кийин Эмилбек өйдө тура жумушуна кетип баратып:

- Кумаш, Өмүрбекке тамак ас, бүгүн эч жакка кетирбей сыйлайлы, мен тез эле келем, - деп чыгып кетти.

- Макул, - деп жер карай жооп берди Кумарбү.

- Кумаш, денсоолук кандай, жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы, - деп кызы ыйлабаса дагы аны кармай калды.

- Баса, балаңа көрүндүгүм бар эмес беле, унутуп калган турбаймынбы, - деп чөнтөгүн оодарып, элүү сом алып чыкты.

- Тим эле койсоң боло, өзүңө керек болоор, - деди Кумарбү үлдүрөй карап, бөлөсүнүн үнү чыккан сайын жүрөгү зырп-зырп эте өзүн жаман сезип, аны тик багып карай албай жатты.

- Тим койчу беле, тил-оозу жок баланы куру көрбөйт, кана, берчи мага, өзүңө эле окшош экен, - деп Өмүрбек баланы колуна алып, өөп койду. - Аты ким, баса кыз ээ?

- Ооба, аты Насыйкат.

- Атын жакшы коюпсуңар, басып калдыбы?

- Жаңы эле кадам таштап жүрөт.

- Кумаш, мен сени унута албай койдум.

- Ал эмне дегениң, биз бир тууганбыз.

- Баары бир, сени жанымдан артык көрөм.

- Койсоңчу, Өмүш, мындай сөз биздин ортобузда болбошу керек.

- Баары бир ичимдегини айтып, бугумду чыгарып алгым келет.

- Айтканда-айтпаганда эмне, биздин туугандыгыбыз да жетет.

- Айтчы, күйөөңдү сүйөсүңбү?

- Ооба, жакшы көрөм, минтип балалуу да болдук.

- Сенин жүзүңдөн күйөөңдү жакшы көргөнүң байкалбайт, намыс эле кармап тургандай…

- Болду, мага мындай сөздү сенин айтууга акың жок, Өмүш.

- Кантип, мен деле адаммын, оюмду толук айтууга акым бар!

- Жок акың, мен эч нерсеңди уккум келбейт!

- Кумаш, ачууланбасаң эми, мен сага ымандай сырымды айтканы келдим. Эми мага баары бир, эч качан үйлөнбөйм, сенин карааныңды көрүп турсам эле болду. Менин бактым да, шорум да сенсиң, өмүрүм өткөнчө сени көрүп, кубанып жашап өтөм! - деди да, Өмүрбек туруп келип, Кумарбүнү карыдан алды. - Сен неге мени бир жолу жакшы сүйлөп, кубантып койбойсуң, Кумаш? Сени сүйүп жүргөнүмдү таежемди аяганымдан гана айталбадым, болбосо сени жетелеп алып, баш оогон жакка кете бермекмин. Эми сенин бактылуу болгонуңду көздөрүңдөн көргүм келет.

- Койо бер, мен сени Узактардай гана көрөм, андан өткөн сезим болгон эмес, Эмилбек бир нерсени угуп же көрүп калса менин турмушум бузулат! - деп Кумарбү анын колун ары түртүп, тура калды. - Сыйыбыз менен гана жашоого көнүшүбүз керек, Өмүрбек, кара өзгөйлүк кылба, менин үй-бүлөм бар.

- Билем, - деп сыртка чыгып кеткен Өмүрбек чылым түтөтүп, короодо көпкө басып жүрдү. "Эгерде мени сүйөм дегенде азыр дагы алып кетип калмакмын. Мага деген жылуу сезими да жок тура, мейли баары бир мен аны сүйөм, өмүрүм өткөнчө анын бактысын көрүп, ошонун аркасында өзүмдү дагы бактылуу сезип жашап өтөм", - деп ойлонуп турганда Эмилбек кирип келди:

- Кайним, зериккен жоксуңбу?

- Ийи, зериктим окшойт, кетейин десем Кумаш болбойт.

- Кетчү беле, эжеңдикинде бир түнөп сый көрбөй кеткениң болбойт. Кир эми, шашпай сүйлөшүп отуралы, - деп Өмүрбекти үйгө ээрчитип кирди. Кумаштын негедир кабагы бүркөө эле. - Кумаш, сага эмне болду, бул иниң келип турганда минткениң болбойт.

- Башым ооруп турат.

- Жана эле жакшынакай турбадың беле?

- Ооруп калса кантейин, тамак бышып калды, отургула дасторконго.

- Ата-асынын гөрү, кайним экөөбүз бир бабырашалы, - деп Эмилбек койнунан бир Столичныйды алып чыгып, дасторкон четине койду. - Бизге стакан берчи, Кумаш.

Кумарбү Эмилбектин ичкенин жаман көрчү, ал акыркы убакта көп иччү болгон, бирдемеге шылтоолоп эле ичип алчу. Жактырбай ого бетер кабагын карыш түйө:

- Мунсуз эле сүйлөшсөңөр болбойт беле? - деди да, эки стакан алып келип жанына койду. - Ушу ичкилик эч кимге жакшылык алып келбейт.

- Эч кам санаба, жаным, кээ-кээде ичип койгонум болбосо сага зыяным жок го. Эми буйруса жакында экинчи балабыз бул жарык дүйнөгө келет, балдарды тарбиялайбыз, кызыбызды чоң энеси алам деп жатпайбы, эмкиси буйруса уул болот, - деп бабырап жатып стакандарга арактан куйду. Кумарбүнүн алты айлык боюнда болгону менен боюнун узундугунан улам билинчү эмес. "Демек, экинчи балалуу болуп калат тура, эми мен бүттүм. Кумашты кучагыма кысып, жок дегенде жүзүнөн кумарлана өөп алсам болот эле го. Же мага өз сүйүүмдө жол жокпу, өмүр бою жүрөгүм ээн калган ээсиз үйдөй ээнсиреп жүрүп өтөмбү, такыр болбосо мисирейбей күлө карап, мээрим төгүп койсо боло", - деп ойлонуп алдына келген стаканды кармады.

- Кана эмесе, жезде, мен кичинемден бирге өскөндүктөн Кумашты эже дегенге көнбөптүрмүн, бир гана жаш улуу, урушуп-талашып чоңойгонбуз, бактылуу болгула! - деди да, алып ийип, закуске чайнап отуруп калды.

- Рахмат, кайним, өзүң качан үйлөнөйүн дейсиң?

- Азырынча жок, мен сүйгөн кыз күйөөгө тийип кеткен.

- Өкүнүчтүү, алып кала албадыңбы?

- Жок, ал мени сүйгөн эмес…

- Кыздар сүйбөйм дей берет, алардын сүйүүсү тийгенден кийин башталат, ээ, Кумаш? Мына бизди айт, үйлөнгүчө бир эле көрүшкөнбүз, эми ынтымактуубуз, бара-бара бири-бирибизди сүйүп баратабыз, - деп каткырып калды.

- Жөн эле сүйлөй бересиңби? - Кумарбү Эмилбекти жаман көзү менен карап койду.

- Чындыгы ошол да, көңүлүңө жактыбы, сурабай эле ала кач! - деп койду эч нерседен кабары жок Эмилбек.

Анын бул сөздөрү экөөнүн жүрөгүнө бычак болуп урулганын ал кайдан билмек. Экөө бир бөтөлкөнү бат эле ичип болушту, тамак алдыга келгенде Өмүрбек сыртка чыгып барып, дагы бирди алып келди.

- Тим койбойт белең, бир бөтөлкө жетпей калдыбы? - Кумарбү аны бир карап, ушинтип жемелемиш боло тамагын куюп берип, отуруп калды.

- Ээ, жаны, кайним экөөбүз жаңы таанышып жатсак, ошонуң кантип болсун? Кой эми ачууланба, бүгүндөн кийин ичпейм, - деп Эмилбек чечекейи чеч боло аракты куюп жатканда Кумарбү кызын көтөрүп, эшикке чыгып кетти. Күн батаарына аргамжы бою калган экен, кыпкызыл болуп айланага бир башкача нур чачкан күн батаардагы көрүнүш эрксизден анын жүрөгүн толкундантып жиберди. "Дүйнө дегениң түшүнүксүз нерселерден куралат тура. Мен дагы Өмүрбекти эч качан унуталбайм, аны сүйөм десем ата-энемди капа кылып алмакмын. Ушунубуз жакшы болду, катуу айтып койсом кийин сүйлөбөй калат, эртең кет дейм. Тынч жашаганым дурус эмеспи. Чиркин, жапжаш туруп санаалуумун, мени ким түшүнөт, өзүмдү-өзүм гана соорото алам", - деп ойлоно күн уясына батып, айланага күүгүм кирип калганда үйгө кирди. Өмүрбек анча мас эмес экен, Эмилбек ичкиликке жеңилип бараткандай.

- Жатып эс алгыла, - деди Кумарбү.

- Өмүрбек, көрдүңбү эжеңди? Бул мени сүйбөйт, жүрөгүндө бирөө бардай сезилет, мени менен жашап жатканы эч нерсеге арзыбагандай, муздак жан. Мен муну өзүм жактыргамын, таекеси отургузган, уктуң беле? - деди сөөмөйүн чычайта.

- Уккам, - деди Өмүрбек.

- Ош-шоо, эжеңе жалдырап жүрүп чарчадым.

- Эмилбек, эмне болуп жатасың? - Кумарбү чакчая караганда гана Эмилбек тайсалдай түштү. - Сенин таржымакалыңдын кимге кереги бар, сыйласаң тынч отуруп сыйла, болбосо азыр бул үйдөн мен кетем!

- Ой-ой, Кумаш, мен тамашалап жатам, бир аз тамашалап сүйлөсөм да болбойбу?

- Башка тамашаны айт, - деп келин булкуна ички бөлмөгө кирип кетти.

- Капа болбо, Өмүрбек, эжең капа болуп калды окшойт, - деп Эмилбек унчукпай калды.

- Мен себепкер болдум окшойт, Кумаш андай эмес, таарынбайт. Кел анда, мындан алып ийели да, эс алалы.

- Кел анда, ат-тасынын көрү, алса алып ийели. - Экөө бөтөлкөнү түгөтүп, анан эшикке жөнөштү. Эмилбек темтеңдей басып зорго чыкты. Өмүрбек бир топ кызуу: "Ички сырын ачып койду, демек Кумаш муну сүйбөйт, мени сүйсө да айтпайт, өзүнүн мүнөзү башынан оор эле. Мейли, ал да өзүнчө азап чегип өтсүн, мен да өз арманым менен алышып жатып өтөм" деп ойлоп, ичке кирип Кумарбү салган орунга жатып калды. Кумарбү өзүнчө тунжурап: "Күйөөм турса, бөлөмө мен сени сүйөм деп кантип айтмак элем? Бул болсо ичип жүрөт, апасына айтышым керек, ичкенин токтотпосо ушундайда кетем", - деп жанында арак жыттанып эч нерсе сезбей уктап жаткан күйөөсүн карап, жийиркене ары бурулуп, кызын кучактап жатып алды. Эртеси Өмүрбек алар тура электе кетип калыптыр. Башы ооруп зорго турган Эмилбек:

- Өмүрбек кетип калган го? - деди ыңгырана.

- Ичип алып ар кайсыны сүйлөп жатсаң кетет да.

- Койчу эми, Кумаш, экинчи ичпейм, өлүп кетейин, убадамды берем, капаланбачы эми.

- Сен ичкениңди токтоткуча мен үйгө кетем, качан ичпей калганда гана келем, - деди жиндене.

- Кой кетпе, мен ушул сааттан баштап ичпейм, чынында кээде эле ичем го, Кумаш, ошонун эмнеси бар? Сен эле жактырбайсың, иштешкендерден бөлүнүп кете албайт экенсиң да, ар кандай даталар болот экен, биринин туулган күнү болот, бири келин алып, дагы бири кыз берет экен. Чычайып качып кетмек белем, - деп Эмилбек актанып отурду.

- Эмне болсо ошол болсун, эгерде сен ичкиликке берилип кетсең ошолордун сен үчүн башы ооруйбу, өзүңө жаман. Өмүрбек келди, арак алып кел дедимби мен сага?

- Эми сенин иниң деп сыйладым да.

- Сыйлабай эле кой, ал арак иччү эмес, атама айтпасам аны, - деп Кумарбү кийимдерин, кызынын кийим-кечесин жыйыштырып жатты. - Мен качан сен оозуңа албай калганда гана келем.

- Кумаш, мен сага айттым го, бүгүндөн баштап ичпейм дебедимби.

- Иш жүзүндө көрсөт.

- Койчу эми, бай болгур, жылан чакпай, жылкы теппей кетем дегениң кантип болсун, эгерде бүгүн ичип келсем кете бер, - деп колунан баштыкты алып ары койду да, Насыйкатты көтөрүп сыртка чыкты. "Энеңди телтеңдеген, кызымды апама алып барып берем, кетсең өзүң кете бер", - деп туура эле атасынын үйүнө жөнөдү. Кумарбү унчукпай көпкө отурду. Эмилбекти киреби десе дайны жок, анан чыгып эки жакты караса, карааны көрүнбөйт. Үйүн кулпулап коюп, "Жинди, эмне деп айтты экен, өзүн-өзү ашкерелегени жакшы болду, ичкенин айталбай жүргөндө ырас болду", - деп кайнатасыныкына кетип баратты. Келсе Эмилбек апасынын жанында отуруптур.

- Кел, Кумаш, - деди Света мээримдүү жылмая. - Эмне болду силерге?

- Эчтеке, - деген келини келип, сөрүгө отуруп калды. - Айтпай эмне баланы алып келе бердиң?

- Сен кетем деп жатсаң анан.

- Кайда бармак эле, Кумашым эстүү келин, ортоңордо чыр-чатак болдубу? - Света уул-келинин карады.

- Эчтеке деле болгон жок, таң атаары менен өзү эле кетем дейт, - деп эринин жаш балача арызданып отурганына Кумарбүнүн күлкүсү келди.

- Апа, балаңыз кийинки кездерде ичип жатат, ичпе десем жаман көрөт.

- Ээ кокуй, балам, ичкилик жакшылыкка алып барбайт, мына экинчи балаңар төрөлөт, баланы да жакшы багыш керек, татыктуу эне-ата болушуңар керек, балдарым, - деп Света жумшак айтып түшүндүрүп жатты.

- Кээ-кээде ичип койом, ошого эле жиндене берет, күндө ичкен жокмун го? - деп Эмилбек туруп ишине жөнөмөк болду.

- Кумаш сени жаман болсун деген жок, угуп кой, балам, ичкениңди экинчи көрбөйүн да, укпайын. Үй-бүлөнү сактап, татыктуу жашоого умтулгула.

- Мен кеттим, силер экөөлөп ийдиңер, - деп Эмилбек дарбазадан чыгып кеткенде Света күлүп калды.

- Анда-мында ичкенде тим эле кой, балам, тели-теңтушу бар, алардан бөлүнүү да кыйын болот. Кайнатаң кызматтарда жүрүп, бир топ ичет, бирок ошону аял деген жаап-жашырышы керек, сага унчукпайбы?

- Жо-ок.

- Анда тим кой, ошончо эле ичип баратса аны атасына айтам, өзү эле токтотуп койот, - деп келинине кыйла акыл-насаатын айтып отурду. Кумарбү эч нерсе дебеди, кайненесин көпкө тыңдап отуруп, тамак ичип алып, үйүнө келди.

- Кызым, кана басчы, кана-кана, - деп үйүнө киргиси келбей эшиктин алдына кызын тургузуп, колун созуп чакырды. - Кел-келе гой, кана, мага келчи!

- Апа-апа, - деп Насыйкат эки аттап эле жыгылып баратканда Кумарбү кармап калды.

- Бассаң боло, кызым, качан бойтоңдоп жүгүрөсүң? - деп көтөрүп алып, чопулдата өпкүлөп жатты. Ошол кезде Өмүрбек көрүндү.

- Кызың менен ойноп жатасыңбы?

- Ооба, - деп унчукпай үйдү көздөй басты.

- Айтпай кеткениме капа болгон жокпу жезде?..

- Жо-ок.

- Мени көрөйүн деген көзүң жок го?

- Ооба, сенин ини катары мамиле жасаганыңды гана күтөм.

- Эмне, бөлөнү сүйсө болбойт бекен?

- Болбойт, биз бир үйдө өскөнбүз, унутпа!

- Сүйүүдө андай жок, сен бир үйдө чоңойгонубузду шылтоо кылба, эгер мен сени азыр да болсо алып кетсем кантесиң? - деди артынан кирип келатып.

- Эмне деп жатасың, Өмүрбек, сен өз атаңда өссөң алыс болмокпуз, бир туугандай сезимди сен сүйүүгө алмаштырып жатасың, - деп сүйлөгөн келин ашканасына кирип чай койду. - Чай-пай ичип алып, кет үйгө.

- Ачка эмесмин.

- Анда тез кет, Эмилбек келип калат.

- Келсе эмне экен, жездем да? - деп күлө Өмүрбек кайра артына кайрылып, Кумарбүнүн маңдайына келди. - Айтчы, мага бир ооз гана сени сүйгөм, бизге уруксат бербейт ата-энем дечи?

- Жок-жок, Өмүрбек, мен болбогонду айта албайм.

- Эмнеге?

- Сени сүймөк тургай жакшы көрбөйм!

- Сүйөсүң, бирок айталбайсың.

- Сүйгөн эмесмин!

- Сүйгөнсүң, - деген Өмүрбек эки колун бооруна кайчылаштыра бөлмөдө аркы-терки басып жүрдү. - Сен менден бир гана нерсени жашырып жатасың, мени сүйүп калуудан коркуп, бат эле күйөөгө чыга качтың, ошону мойнуңа алгың келбейт. Мен азыр кетем, бирок өмүр бою сенден бир гана суроомо жооп алуу үчүн келе берем! - деди да, чыгып кетти.

Ал күнү Эмилбек үйгө келбей калды, ал өзү менен бирге иштеген Тотукан деген келиндикинде отурган. Тотукандын бир баласы бар, күйөөсү өлүп калган, экөө бир бөтөлкөнү ортого коюп алып, куурдактан жеп, каткырып күлүп бактылуу.

- Аялың күтүп жатат го, байкуш, - деп Тотукан оолжуй сүйлөдү.

- Күтө берсин, ал менин катыным да, кайда бармак эле? - Кол шилтеп койду Эмилбек.

- Убал го байкушка.

- Эмнеге убал болмок эле, ансыз да анын алты айлык боюнда бар, эчтекеге жарабайт.

- Эркектер аа-ай, укмуш эле калксыңар ээ, ошону да бутуң үзүлгөнчө жүгүрүп жүрүп алгандырсың?

- Жүгүрбөй эле алгам, чынында атамдар болбой алып берген.

- Эмне, сүйбөй эле алдың беле?

- Кайдагы сүйүү, ага караганда сени сүйүп баратам.

- Койчу, чын элеби? - деди Тотукан сүзүлө карап, закускадан айрыга илип, оозуна салды.

- Чын айтам, - деген Эмилбек оозун чормойто келинге мойнун созду эле ал чоп эттире өөп койду. - Бах, чиркин, керемет аялсың да.

- Сен бааласаң, кадырымды билсең мен жеткен бактылуунун бактылуусу болмокмун, - деп Тотукан улутунуп алды. - Өмүрүм жалгыздыкта өтөт го?

- Менчи?

- Сенин аялың бар, бүгүн мында болсоң, эртең ага жасакерленип, жалынып кашында болосуң. Бирөөнүн эри бирөөгө эр болуп бермек беле?

- А мен сени таштабайм.

- Ойнош оттон ысык. - Тотукан кыткылыктап күлүп, арактан куюп, экөөнүн алдына койду. - Ушул гана кээде кайгы-капамды унуттуруп койчу болду.

- Ата-аңдын гөрү, кел, ичели да, жаталы.

- Жатканы эмнеси экен, аялың менен кызың күтүп жатпайбы? - деп наздана кашын серпип койду келин.

- Күтө берсин.

- Эртең кетип калсачы?

- Кетсе сен турбайсыңбы?

- Мен сага аял болуп бере аламбы?

- Эмнеге болбойсуң, сопо-сонун болосуң да.

- Кой тамашаңды, ансыз дагы тапканыңдын көбүн мага жумшап жатасың, - деп дасторконун жыйнап келип, Эмилбектин жанына отурду. - Экөөбүз тең кудайдан корколу.

- Кудайдан корком деп, кана ошол кудайың барбы өзү?

- Койсоңчу атеист боло калбай, чоңдордон коркконубуздан кудай жок дегенибиз менен аны дилибизден өчүрө албайбыз, Эмил. Жоош-момун аялың бар, өңдүү-түстүү, убалынан кантип коркпой койобуз, менин да балам бар, каргыштан корком. - Экөө кучакташа ошол эле жерге оонап калышты, канткен менен бири-бири менен көптөн бери мамилелеш болуп жүргөн немелер заматта отурган жерден кийимдердин чечип ыргытышты…

Эртеси Эмилбек таң заардан жумушуна келип, кагаздарын карап, директорго кирип чыкты да, чабандарды кыдырмак болуп тапшырма алып, үйүнө келсе Кумарбү уктап жатыптыр.

- Кумаш, тур өйдө, мен чабандарды кыдырганы кетип жатам.

- Кете бер.

- Бирдеме бербейсиңби?

- Тигиниң берген жокпу?

- Эмне? - Эмилбектин жүрөгү болк эте түштү. "Кудай у-ур, бу кайдан угуп алды экен?" - деп саамга үн катпай, шылтоо таба албай кийимдерин алмаштырып жатты. - Кийимдеримди таап берчи.

- Өзүң таап ал!

- Сен эмне болуп калгансың?

- Менин эмне болгонумду сурагыча, өзүң жооп бер, мен минтип жашай албайм, же ошонуң менен кет, же мени менен жашай турган бол!

- Эмне эле деп жатасың?

- Билмексен болбочу, ошол Тотукандын бетин тытайынбы, же күнөөңдү мойнуңа аласыңбы? - деп Кумарбү туруп кийине баштады.

- Түшүнсөм өлөйүн, Кумаш, ким айтып жүрөт мындай дөөдүрөгөн кептерди? - деди туттуга.

- Мен айттым, калп десең, мына бул кызыңды кармап карган!

- Кумаш, жинди болдуңбу, баланы ортого албай эле айтчы.

- Сен күнөөсүздүгүңдү далилде да.

- Кантет эми, мен андай жолго барбайм, кечинде иштешкендер менен бирге болдум, кетем деп айталбай койбодумбу?

- Сенин бар-жогуң баары бир мага, болгону мени басынтканыңа чыдай албайм, ата-энеңе барам да, болгонун болгондой айтып, үйүмө кетем! - деп жиндене ыйлап жатканда Насыйкат ойгонуп кетип, үрпөңдөй ыйлап ийди.

- Баланы коркутасың эми, койчу, Кумаш, атамдарга айтканда эмне, мен азыр бала эмесмин, менден кетсе кечир, ошонун изин баспай калайын, бир жолу кечирип кой! - деп байкуш боло тизелей калды. - Мени кечирчи, Кумаш.

- Кечинде эле баатыр болуп жатпадың беле?

- Качан? Кайдан көрдүң?

- Мен сени көптөн бери билем, билбейт экен деп ойлобо!

- Кандай болуп кеткенине да түшүнбөй калдым, кечирчи, жаным.

- Жаным деп ошонуңду айта бер, - деп үй ичин чачып, болгон жүгүн таңып жатты Кумарбү. Ал антип биротоло кетмек болуп жатканда Света келип калды.

- Силерге эмне болду? - деп уул-келинин таңгала карады.

- Балаңыздан сураңыз, мен минтип жашай албайм! - деди көз жашын аарчый Кумарбү.

- Ой, деги эмне болуп кетти?

- Билбейм, - деп Эмилбек үңкүйө жер карады.

- Билбейсиңби, тапканыңды алып барып, баласын кошо баккан аялды кантип билбей калдың?!

- Билбейм!

- Болуптур билбесең, мен кеткенден кийин алып келип ал! - деп болбой эле жыйыштырып жатканда Эмилбек сыртка чыгып кетти.

- Кумаш, ачууңду бас, балам, андан көрө мени менен сүйлөшчү, экөөбүз эне-баладай сүйлөшөлү, - деди Света жанына келип.

- Эмнени айтам, апа, балаңыз көрүнгөн менен жүрсө, келбей калган күндөрү да эчтеке дебейм. Тотукан деген күйөөсү өлгөн аял менен жүрүп алса, мен карап отура беремби, кааласа алып алсын, мен кетем, көз каранды болбойм.

- Ыйлаба, мага тактап айтчы, кимден угуп жүрөсүң?

- Уккан бир башка, көргөнүмдү кантем, менин тааныш келинимдин коңшусу экен анысы, койдун этинен баштап, унуна чейин жеткирип берет экен уулуңар. Баарын көрдүм, сүйлөшкөндөрүн уктум, эми бул жерге тура албайм, - деп ыйлап жатты.

- Сабыр кыл, айланайын, бүгүн үйгө бар, атаңа айтайын, ал дагы бирдеме дээр, бир ачууңду мага бер, садага, - деп болбой жатып, Света келинин өз үйүнө ээрчитип кетти. Эмилбек ошол эки-үч күнгө Тотуканды ала кетмек болуп жаткан, Кумарбүнүн чатагынан кийин кыжаалат боло өзү жалгыз кеткен. Үч күндөн кийин үйүнө келсе эшиги бек турат. "Иттики десе, кеткен экен да, эми кантип үйгө барам, атам эмне дейт, урушат го", - деп ыргылжың болуп эшигинин алдында көпкө отурду. Айласы кеткенде ордунан туруп ата-энесинин үйүн көздөй илкий жөнөдү. Эшиктин алдынан апасынын Насыйкатты көтөрүп жүргөнүн көрүп: "Кызды алып калган экен да, кетсе кете берсин, өмүр бою мерез аял менен жашагыча Тотуканды алып алам", - деген ойдо дарбазадан кирип келе жатканда үйдөн чака кармап Кумарбү чыга калбаспы.

- Келдиңби, балам? - деди Света уулун көрүп.

- Келдим.

- Үйгө кир.

- Кумаш кеткен жокпу, мен аны кетип калган экен десе…

- Болду унчукпа, мен аны кетире коймок белем.

- Аны эмнеге кармадың? - деп күңкүлдөдү Эмилбек.

- Эмне дейт? - Света баласын олурая карады.

- Кетсе кете берсин!

- Жап оозуңду, жакшы аялдын кадырына жете албай азабыңды тартып жүрбө, төрөп-түшүп турган аялды кетирсең оңой менен оңоло албайсың, балам. Атаң али уга элек, андан көрө кечирим сура келинден, кайра ынтымакташып оокатыңарды жасагыла, - деп акырын айтып, үйгө ээрчитип кирди.

Кумарбү аны көргүсү келбей үнсүз чай алып келди, тамак куйду. Ал чынында биерге тургусу келбейт, бирок азыр кызын алып, төркүнүнө барса, Өмүрбек аны соо койбосун билет, жетелей качып, бирдеменин ичинен чыгабы деп, ошондон чочулап турган. Аркы жумада Кумарбүгө Гүлбаркан тааныш келин келип: "Сенин эриң ар дайым менин коңшумдун үйүнө келип-кетип, тапкан-ташыганын алып барып жүрөт, бир гана сен көрсүң, кереңсиң", - деп эбирегенинен ишенип-ишенбей ага: "Мен өз көзүм менен көрбөсөм ишенбейм", - деп койгон. Кечинде ал кайра шашылып жетип келиптир: "Жүрү, өз көзүң менен көр", - деп Кумарбүнү да шаштырды. Кийинип, кызын көтөрүп алып, ал көрсөткөн үйдүн терезесинен шыкаалай караса, Эмилбек Тотукан экөө өбүшүп, эзилишип отурган экен. Кумарбү аларды көпкө чейин эси эңгирей карап туруп, сөздөрүн угуп алып, үйүнө келгенде аябай ыйлаган. Кеч уктаганга Эмилбек келгенде тура элек болчу.

- Эмил, атаңа эчтеке айткан жокпуз, урушпаган-талашпаган адам болбойт, өз оокатыңарды тынч өткөргүлө. Жакында балалуу болосуңар, эки балалуу болгондо өз очогуңарды бузбай, тынч жашагыла, - деди Света.

- Апа, мен урушкан жокмун, өзү эле тейтеңдеп жатпайбы?

- Болду сүйлөбө, мындан ары карыш бассаң Кумаш жаныңда болот, жумуштан эрте келип тур, өзүм кабар алып келген-келбегениңди тескеп турам, - деп баласына акырая карады. - Эки баланы ортодо кыйнагыңар келип турабы ыя?

- Болуптур, апа, экинчи антпейм.

- Кумаштын көңүлүн оорутпа, балам, эгер ажырашсаңар силерге эчтеке эмес, Кумаш да күйөөгө тийип кетет, сен дагы бирөөнү аласың, балдарга кыйын, өгөйдүн колунда калат.

- Өзүм турбаймынбы?

- Сен аялдын тилинен чыкпай каласың, башка аял, же эркек силердин балаңарды сүйбөйт, балдарым.

- Апа, Эмилбектин жашаганга көңүлү болбосо кыйнабаңыз, мен дагы өз күнүмдү көрөөрмүн, эки баланы өзүм эле багам. Андан көрө мен тигил үйгө барбай эле эртең жакшылыкча кетейин, жалынып жашай албайм, - деди Кумарбү аста сүйлөп. - Өз көзүм менен көрбөсөм бир жөн эле, сөздөрүн укпасам болмок, ошону билип туруп кантип жашайбыз?

- Калп, баары калп, кеткиң келсе жаманатты кылбай эле кете бербейсиңби, жалаа жаап жатасың, - деп Эмилбек жанын жеп, жандалбастай кетти.

- Макул, баары жалган болсун, мен эми кайталабайм, айтышып отурбайм, өз билгениңди жаса, бирок Насыйкатты бербейм! - деп Кумарбү ыйлаган бойдон эшикке чыгып кетти.

- Сен каалаган жагыңа кет, мен эки бала менен Кумашты эч жакка кетире албайм, - деп Света Эмилбекке ачуулуу карады.

- Болдучу, апа, калпка ишене бересиңби?

- Калп эмес, Кумаш калпка мынчалык тызылдамак эмес, мүнөзү оор, кичи пейил, жоош-момун келиндин убалынан корком мен, балдарымды бирөөнүн көзүн каратпайм, айтканымды угуп, тилимди албасаң, бүгүндөн баштап мени апам деп атаба! - деп Света дагы туруп кетти.

- Апа, апа дейм!

- Болду сүйлөбө.

- Эмне кылайын, апа?

- Кумаштан кечирим сура, болбосо кайрылып да, апа да дебе.

- Болуптур, кечирим сурайын, сен дагы мени кечирчи, апа.

- Мунуң жаман эмес, тез барып Кумашты менин алдыма алып кел да, кечирим сура! - деп Света кайра төргө отуруп калды. Эмилбек шашыла сыртка чыгып кетти. "Мен чын эле туура эмес иш кылып жатсам керек, булар Тотуканды кабыл алышпайт. Тынч эле оокатымды өткөрө берейин, кызым турат, эмкиси уул болуп калса мага андан башканын эмне кереги бар?" - деп ойлонуп Кумаштын жанына келди.

- Кумаш, мени кечир, ушундай болуп кетти, экинчи жумуштан эч бир кечикпей жаныңда болом, кызымды менден бөлбө, кечир мени.

- Ушуну өз акылың менен ойлондуңбу?

- Ооба, ачуум менен жаман айтып койдум, кечир мени, Кумаш, тынч жашайлы, жүрү үйгө кетели.

- Атам келсин, баарын айтамын, ал эмне десе мен ошомун, - деп Кумарбү жер карап, көгөрүп отуруп алды.

- Эми атама айтпай эле койсок кантет, экинчи терс жолго баспайм дедим го, - деп Эмилбек жалдырай аялынын жанына көчүк басты. - Кечирчи мени, Кумаш, атам укса мени сойот.

- Жок, билсин ал дагы.

- Койчу эми, жүрү апамдын жанына, - деп колтуктап өйдө кылды.

- Эмнеге сен ошого бардың, андай экен аял албай койбойт белең, мени дагы бактысыз кылбай, сени таштабайм деп айттың го Тотуканды.

- Койчу эми, сени аякка ким алпарды экен, эн-неңдурайын десе, бир көзүң бир көзүңө жоо деген ушул экен да, - деп башын жерге сала күңгүрөндү Эмилбек. Экөө ээрчишип үйгө киришти.

- Кана, кечирим сурадыңбы? - деди Света уулу жер карап турганда келинине көз кыса. - Эгерде келинден кечирим сурап, тынч жашасаң атаң эчтеке билбейт. Бир нерсе деп Кумаштын жүрөгүн оорутсаң атаңа өзүм айтып, ошол келинди үй бузаар атантып, жумуштан куудурам.

- Кечир, Кумаш, мына апамдын алдында кечирим сурайм, экинчи үйгө кечигип да келбейм, - деп Эмилбек Кумарбүдөн кечирим сурап салбырап турду.

Эне уул-келинин жараштырып, тамак-аш салып берип, өзү жеткирип кайра келди. "Мен ал келинге жолугушум керек, эри өлгөн неме болсо, баламды азгырып, түз жолдон адаштырып жүргөндүр", - деп ойлонуп, үйүнө кирип баратканда күйөөсүнүн машинасы келип токтоду.

- Келдиңби, атасы?

- Келдим, балдарың кайда жүрөт?

- Эмне кыласың?

- Темирбекке дагы бир жакшы кыз таптым, үйлөнтпөсөк болбойт.

- Ошол болобу, аныңдын менимче биздин кепти угар түрү жок, - деди Света салмактуу сүйлөп. Экөө кобураша үйгө киришти. Төргө орун алган Доорон аялын теше тиктеп отуруп калды.

- Эмне, сүйлөшкөнү бар бекен? - деди көптөн кийин.

- Ошондой го.

- Кандай жер, кандай адамдын кызы экенин билчи.

- Сурайын.

- Сура, байбиче, бизге туура келбесе…

- Эмне кылабыз?

- Токтот дейбиз да.

- Болбойт го, балдардын баары эле бирдей болбойт го, чалым, ар биринини кыялы ар башка, чоңоюп калышты, этият мамиле жасабасак болбойт.

- Туура, байбиче, өз оюна коюудан мурун жакшылап тактап билели да, анан ошого карап иш кылалы.

- Ошентели, Темирбегиңден кийин Замирбек да чоңойду, экөө тең колоктоп бойдок жүрөт, үйлөн десең боло, - деди Света чайын куюп отуруп.

- Оюна койбой үйлөнтүш керек, тиги уул-келиниң кандай жүрүшөт, кызды алып келсең боло, эрмек кылалы, алар жаш эмеспи.

- Кумаш төрөгөндө биротоло алам.

- Ошент, байбиче, бизде кыз жок, небере кызыбызды эрмек кылалы, чарчаганыңды да билбей каласың, - деп үстөл үстүндө сүйлөшүп отурушканда Замирбек келди.

- Ата, кандай иштериң?

- Жайында, өзүң эмне кылып жатасың?

- Бекерчилик да, ата.

- Колоктобой үйлөнбөйсүңөрбү?

- Темирбек үйлөнсө көрөм да, - деп Замирбек култуңдай күлүп койду.

- Анын сүйлөшкөнү барбы?

- Мен кайдан билем?

- Макул, өзү менен сүйлөшөм, - деп койду Доорон.

- Качан үйлөнтөйүн деп жатасыз?

- Даяр болсоңор катар үйлөнтөм.

- Мен даяр элемин, - деп Замирбек кайра күлүп калды. - Темирбек үйлөнө берсинчи анан…

- Балам, даяр болгондо кандай, кыздын ата-энеси ким, кандай адамдар, биз билишибиз керек, энесин көрүп кызын ал деген бар.

- Жакшы эле кишилер го…

- Кана, ким экенин айтчы?

- Ким болмок эле, актив болуп иштейт экен.

- Актив болгондо кандай, бригадирби же?..

- Жо-ок, иши кылса совхоздо иштейт, мен сураган эмесмин.

- Анда тактап сурап, тез арада жообун бер!

- Ата, кыз жакса болду да.

- Жок, баары ошонун кандай үй-бүлөдөн чыкканында, бар, жата бер, - деп койду Доорон.

Замирбек унчукпай өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Балдарга мындай дегениң болбойт, өз каалаганын албаса кийинкиси кандай болот? Сен да убагында менин кандай үй-бүлөдөн экениме карабай үйлөнгөнсүң. Бири-бирин жактырса болду го, Темирбегиң дагы өзү билем деп чыкпаса болду, балдарды өз оюна койсоңчу, атасы.

- Байкап көрөлү, такыр болбой баратса көрөбүз, Темирбекке бир жакшы кыз таптым эле, ата-энеси интеллигент экен, кызы сулуу, акылдуу. Мен буларды жакшы бүлөгө туш болсун дегеним да, тил алса иш оңунда, байбиче, - деп кемпир-чал дагы көпкө сүйлөшүп отурушту. Темирбек келген жок, ага атасы абдан кыжаалат болуп, келечегин ойлогону менен кеч болуп калган эле. Ал көптөн бери бир кыз менен жашап жүргөн. Ата-энеси ал тургай ошол кыздын кош бойлуу экенин да билишкен жок. Эки-үч күндөн кийин үйгө келген Темирбек түнөрө жатып калды, аны көргөн Света акырын бөлмөсүнө кирди.

- Уулум, кайда жүрөсүң?

- Досторум менен…

- Атаң сага үйлөнгөнгө кыз таап келиптир.

- Таппай эле койсун.

- Эмне болду, үйлөнсөң боло, ботом.

- Апа, мени үйлөнтөм десеңер башка кыз таап убара болбогула, менин кызым бар, андан башкага үйлөнбөйм.

- Кай жерден, кимдин кызы?

- Ким болсо ошол болсун ата-энеси, мен аны сүйөм, апа.

- Атаң менен сүйлөшүп көрөлүчү…

- Сүйлөшкөндө эмне, баары бир андан башкага үйлөнбөйм.

- Макул эми, атаң келсе чечилет, - деп бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо:

- Апа, жеңем үйүндөбү? - деди Темирбек башын көтөрө.

- Ооба, балам.

- Анда мен жеңеме барып келейин, - деди да, тура жөнөдү.

Ал келгенде Кумаш эшикте кызын көтөрүп жүргөн.

- Кел, - деди кайнисин көрүп, жылмая.

- Келдим, жеңе, сиз менен сүйлөшчү сөз бар эле.

- Үйгө кир, кандай сөз?

- Ким бар үйдө?

- Эмилбек бар, уктап жатат.

- Анда эшиктен эле сүйлөшөлүчү.

- Айта бер.

- Жеңе, апам менен сүйлөшүңүзчү…

- Эмнени?

- Менин сүйлөшкөн кызым бар.

- Жакшы, үйлөнөйүн дейсиңби?

- Ооба, бирок атам каршы болот го.

- Кантип каршы болмок эле?

- Жеңе, түшүнсөңүз мени, анын боюнда бар!

- Анан?

- Апамды көндүрүңүз.

- Мени угабы?

- Сизден укса анан көрөбүз.

- Макул, азыр барайынбы?

- Ооба, бүгүн айтып кеңешиңизчи, мен баары бир андан башкага үйлөнбөйм, ошону жакшылап түшүндүрүңүзчү, жеңе, ээ?

- Айтайын, бирок кандай болоор экен?

- Айтып койсоңуз болду, калганын өздөрү чечет, эгерде алар макул болбосо мен ал кызды алам да, баш оогон жакка кетем, сизге бир өтүнүчүм ушул, жеңе, - деп Темирбек күлө карап, Насыйкатты өөп коюп кетип калды.

Кумарбү: "Өзү айта албай койгон экен, боюнда бар болсо кабыл алышаар бекен, же макул болбой коюшабы?" - деп санааркай кайнатасынын үйүнө келди.

- Эмне болду, балам, жайчылыкпы деги? - деп Света аны көрүп чочуп кетти.

- Жөн жай эле, апа, - деп күлүмсүрөгөн Кумарбү үйгө кирип отуруп жатып, Темирбектин айтканын айтканда Светанын эси ооп кала жаздады.

- Ко-оку-уй, эми эмне кылабыз?

- Билбейм, апа, кабыл албасаңар каалаган жакка кетип калам дейт, атам эмне дейт болду экен? Сизге өзү айткандан тартынган окшойт, атайын мага барыптыр.

- Чунак балам ай, атасы укса кан басымы көтөрүлүп кетет го, - деп Света эмне кылаар айласын таппай жатты.

Кумарбү бир аз отуруп, кайра кетти, ойлоно берип, Светанын да кан басымы көтөрүлүп, дары ичип эс алды.

- Апа, мен келдим, - деп Замирбек кирди.

- Келсең жакшы, балам.

- Эмне, ооруп калдыңызбы?

- Ооба, башым ооруп турат, - деди онтолой. - Балам, билип келдиңби кызды?

- Ооба, ал кароолчунун кызы экен.

- Эмне дейт, кокуй?

- Эмне болмок эле, апа, кыз өзү жакшы кыз.

- Темирбек болсо мени өлтүрмөк болду, атаң укса эмне дейт билбейм, - деп Света бышактап ыйлап кирди.

- Ага эмне болуптур?

- Сүйлөшкөн кызы кош бойлуу имиш.

- Ыя?

- Сенин кызың сообу, айланайын?

- Коркпо, апа, баары жайында, - деп күлүп койду Замирбек.

- Эми эмне кылабыз билбейм, алып бербесек дайынсыз кетем деп Кумаштан айттырыптыр, - деп Света жоолугунун учу менен көзүнүн жашын сүрттү. - Силерди жакшы жерден бүлө күтсө, бактылуу болсо деген эле тилек да, садагам.

- Капалана бербе, апа, атам дагы ойлонуп көрөөр, кыз жакшы болсо болду, боюнда болсо анда тез арада алып бериш керек, кыздын да убал-сообу бар да.

- Эми эмне кылайын, кантейин, кудай ай, кыздардын сырын билбейсиңер, эптеп тийип алайын дешет да, Темирбек кантип ошого барды кокуй, тарбиясыз кыздарга жолуккан экен да-а!

- Койчу, апа, ооруп каласың, - деп Замирбек кайра сыртка чыгып кетти, ал чыгып баратып, атасынын келе жатканын көрүп туруп калды.

- Апаң үйдөбү?

- Ооба.

- Сен билдиңби кызды?

- Ооба, ата, кырманда кароолчунун кызы экен.

- Ок ат-тааңдын оозу-угурайын десе, келип-келип коругучка куда бол дегени турасыңбы, ыя?

- Эмне болмок эле, ал деле адам да?

- Адамыңаскейин сенин, сүйлөшөт десе кайдагы кемпайдын кызын тапканын кара, берки кайда жүрөт?

- Билбейм.

- Апаң кайда жүрөт? - деп кайра сурады.

- Үйдө жатат.

- Эмне болуптур?

- Ооруп жатса керек.

- Кир үйгө, сүйлөшөбүз, - деп өзү аттап-буттап үйгө кирди. - Света, кайдасың?

- Эмне болуп кетти?

- Балаң кана?

- Келген жок.

- Кайда жүрөт акмактын баласы?

- Ким билет?

- Аны кызды көргөнгө жибермек болбодум беле, уят болот окшойм, иттин гана баласы десе, - деп эри жинденип жатканда Света үнүн чыгаргандан жазганып турду, күйөөсүнүн сырын билет. Ага аста гана жумшактап айтпаса болбойт, азыр айткан менен ого бетер буркан-шаркан түшүп, түшүнмөк эмес. Ошондуктан үндөгөн жок.

- Ага кыз таппай эле коюңуз.

- Эмнеге? - Доорон Замирбекти ормойо карады.

- Ошол, анын сүйлөшкөн кызы бар, башканы албайт.

- Бу силер эмнеге эле кежирленип калдыңар, бар дагы Темирбекти таап кел! - деп диванга чалкалай отуруп, башын кашый ойго чөмүлүп кетти. "Эми жинденгени басылды, айтайын болгонун, болбосо кеч болуп калат", - деп ойлонгон Света башын таңып алып, туруп келди.

- Чал, менин сага айта турган жаңылыгым бар, ачууланбай угуп тур, айтпай койсом капа болосуң, - деди жай гана.

- Кандай жаңылык?

- Балаң бир кыз менен жашап алыптыр…

- Кимиси?

- Темирбек, атүгүл анысынын боюнда да бар экен.

- Жинди болгон го ыя? - Аялын жутуп ийчүдөй ормойо карап, - Качан айтып жүрөт? - деди Доорон.

- Мага эмес Кумашка айтыптыр, ага каршы болушса кызды алам да, качып кетем дептир, абышка.

- Бу эмне деген шермендечилик ыя, кандай тарбия бергенсиң балдарыңа? - деп күпүлдөп кирди.

- Жалгыз тарбиялаган жокмун, эркин өссүн, оюн айта билсин деген өзүң болчусуң, мен тилдесем балдарга болушуп, эркелеткен да өзүңсүң, абышка.

- Мен анан боозутуп аял алсын дептирминби?

- Ким эле баласын жаман болсун демек эле, башка убак болсо жинденсек жарашмак, эми тезинен кыздын ата-энесин сураштырып, үйгө алып келбесек болбойт.

- Кереги жок, кете берсин ошонусу менен!

- Абышка, балдарды жоготуп албайлы.

- Кетсин, ата-аңдын ооз-зугурайын бала болгон, булардын келечеги үчүн кам көрүп, окутуп-чокутканымчы, адам болот экен десе.

- Кой эми, абышка, балдардын оюна койгонубуз дурус го? - деп Света болбой абышкасын көндүрүп жатканда Темирбек кирди.

- Ой, бала, кана кызың?

- Үйдө.

- Үйдө деп койгонун кара, ата-энеси ким экен?

- Ата-энеси шаарда турат, өзү таенесинин колунда чоңоюптур, - деди Темирбек жер карай.

- Таенесинин дарегин билесиңби?

- Билем.

- Эртең барабыз, камынгыла, билгени барабыз.

- Эмнени билесиз?

- Ата-тегин.

- Ата-тегин билгенде эмне, баары бир аны таштабайм.

- Көрөбүз, - деп койду Доорон.

Ал азыр жинденип, жанын койоорго жер таппай турду. Өзүнө жаккан адамдар менен куда болом деген ою тескерисинен чыгып калганына жинденип жатты. Бирок ошол кызды кош колдоп, келин кылып алууга далбастап жүгүрөөрүн билген жок азыр.

- Эмнени камынам, кызды келин кылып алуугабы же?.. - деп күйөөсүнө суроолуу карады Света.

- Ой кайдагыны айтпа, байбиче, ошол кемпирге барып, кызынын кандай тарбияда өскөнүн байкап көрөлү, ата-энеси кайда иштейт, ошону билели, - деди Доорон башын мыкчый.

- Доке, сенин кан басымың көтөрүлгөн жокпу?

- Жо-ок, дурус элемин.

- Тамак жасай койойун, Темиш, отура гой, садага.

- Жок, апа, эчтеке жүрөгүмө барбайт.

- Кой, балам, атасы уулдарын тилдейт, урушат, ага капа болбо, каралдым, отур тамак ич, - деп эне чыйпылыктай ата-баланын ортосунда даанакер болуучудай далбастап жатты.

- Света, тезинен эртеңкиге туугандарды чакырып койчу.

- Эмнеге, ботом?

- Эртең барып мен кыздын таенесине жолугуп келем, андан кийин кеңеше турган иш бар.

- Макул.

- Ата, - деди Темирбек башын кашый, - мен баары бир Азизаны алам, башкага убара болбогула! - деп туруп чыгып кетти.

- Темиш! - деп Света артынан умтулуп кала берди.

- Тим кой, ата-эненин кебин укпаган бала өз билгенин кыла берсин, - деди Доорон.

- Аа-ай, атасы…

- Болду, калп эбелек боло бербе.

- Бекер кылып жатасың, абышка.

- Эчтеке болбойт, баш ийбеген балдар өз тагдырын өзү чечип алсын, ошондо көрсүн ата-эненин тартибине көнбөгөн кандай болоорун, башына келгенде түшүнсүн. Болду тамагыңды алып кел, чарчадык эс алалы, - деп жамбаштай жатып алды.

- Ата, мен жумушка кире берейинби?

- Иштеген жакшы эмей…

- Анда-а…

- Эмне анда, иштейм десең дипломуң турат, кайдагы бир болбогон иштер менен айланып жүрө бербей иштегиле да, - деди Доорон күпүлдөй.

Замирбек экономиканы бүтүргөн, жыйырма беште. Темирбеги андан эки жаш улуу, эң улуусу Эмилбек быйыл жыйырма тогузда, үчөөнүн ортолору эки жаштан. Темирбек геология институтун бүтүргөн. Замирбектин иштейин дегенине эне-ата кубанып калышты. Ошонун эртеси айткан дарек боюнча Доорон Азизанын таенесинин үйүнө барды. Салабаттуу келген алтымыштардан ашкан кары менен сүйлөшүп чыгып эле жумушуна кайрылып, кайра үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Света эшикте жүргөн.

- Байбиче, камына берсең болот, жанагы Темиш кайда жүрөт, эки күндөн кийин кызды алып келе берсин, - деди шашкалактай, өзүнчө эле толкунданып, чечекейи чеч болуп алган.

- Деги эмне болду, түшүндүрүп айтсаң боло?

- Эмнесин айтасың, байбиче, Темишиме ыраазымын, ошондой кызды тапканына, чакырт келиниңди, даярдана бергиле.

- Кыз жактыбы же ата-энесиби? - Света күйөөсүн сынай карады. - Бир чоң жаңылык бар го дейм, абышка.

- Айтпа, - деген Доорон эки жагын каранып акырын, - кыздын атасы Фрунзеде инспекциянын начальниги тура, мындай адам менен кудалашпай анан, - деп култуңдай үстөлгө отурду. - Көңүлүм жайланып калды, балаңа жакса болду, сен ашыкча сөз айтпа, атасынын дайынын угуп макул болгонумду билсе жинденип жүрбөсүн, - деди кооптоно.

- Макул, балдарың менен сенин ортоңо от жакмак белем, иши кылса алганы менен эриш-аркак жашап, бактылуу болушсунчу.

- Болот, буйруса үйлөнтүп туруп, шаарга бөлүп ийсек, ишти балаңа кайнатасы таап берет, - деп бапылдай бир чыны чай ичти да, жумушуна кетти. Света дагы эс ала түштү. "Баламдын ойдогусу орундалып жакшы болду, кокус ата-энеси бечара болгондо чатак башталмак, жараткан, өзүң колдой гө-өр", - деп ойлонуп алды.

Ошентип бир жумадан кийин Темирбекти үйлөнтүп, чоң той беришти. Үлпөт тойго Султан Думанаев аялы менен келип, келишкен аппак жигули менен үйдүн ачкычын белекке берди. Доорон мындай адамга куда болгонуна жетине албай шыпылдап, жан-алы калбай коноктоп, тойдон кийин өз ызаат-сыйын жасап жатты. Азизаны атасы менен энеси жалгыз калган таенесине караан болсун деп айылга жөнөтүшкөн, анын үстүнө шаарда көбүрөөк ойноп-күлүп, эркелигинен үйгө турбай калган эле. Султандын аялы Гүлкан өзү да жалгыз кыз эле, Азизадан кийин үч уулу бар, алардын арты жаңы эле мектепке барган. Бакылдашып эки куда, кудагыйлар дасторкондо отурушту. Султандын бир тууганы аялы менен, карындашы, күйөө баласы болуп келишкен. Фрунзедеги райондордун биринде салык инспекциясынын начальниги болгондуктан ага Доорон ийиле чай сунуп, алыңыз деп жатканда Света сөз баштады. Ал күйөөсүнүн ашыкча кыймылын жактырбай отурган:

- Куда, кудагый, мына ушинтип балдар бар экен таанышып, куда болуп отурабыз, баш алган биз, канчалык сиздерге ийилсек да, кошомат кылсак да жарашат. Эми таттуу куда-кудагыйлардан бололу, балдарыбыз бактылуу болушсун, ушуну алып койбойсуздарбы? - деп рюмкадагы аракты көтөрдү. - Балдардын бактысы үчүн!

- Туура, балдардын бактылуу болушун кандай гана ата-эне каалабайт, эмесе кудагыйдын сөзүнө кошулам, - деди Гүлкан рюмкасын колуна алып.

- Биз калмак белек, экөөңөрдүн эле эмес биздин дагы балабыз, - деди Султан кызый түшкөнгө бакылдай. - Буйруса балдарды шаарга алып кетип, жумушка орноштуруп койобуз, өздөрү оокатын кыла берет, туурабы?

- Туура-туура, куда, бир аз ырым-жырымы бүткөндөн кийин сөзсүз жөнөтөбүз, - деп Доорон Светаны карады.

Гүлкан унчукпай жер карады, кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей кызынын сырын билгендиктен ашыкча сөз айта албай отурду. "Чунак кызым ай, Темирбек дурус эле бала экен, өңүнө кызыккан экен. Өз балам болсо да ушул жакшы адамдардын алдында баш көтөрө албай араң отурам, аз убакта төрөсө жакында шаарга алып кеткенге болбойт", - деп ойлоду. Экинчи күнү кудаларын жөнөтүштү. Азиза абдан эрке эле, бир жумага жетпей таенеси келди, ал Азиза менен сүйлөшүп, анан кайра кетти. Темирбек болсо өз каалаганына үйлөнүп, кубанычы чексиз. Арадан бир ай өткөндө Замирбек өзүнүн кызын алып келди. Жумабек кароолчу болгону менен абдан жакшы жигит, Доорондон кичүү. Гүлшан кыздарынын эң улуусу болчу. Доорон ага нааразы болбоду, Света ага түшүндүрүп айтып отуруп, акыры көндүргөн. Ошентип эки келинди катар алышты…

Тумарбү өзүнчө эле бактылуу, сабагын жакшылап окуп, экзаменге катуу даярданган, орус тилин дагы бешке тапшырды. Кызынын көңүлдүү жүргөнүн ата-эне башкага жорумак эмес, окуусун жакшы баалар менен бүтүп жатканына кубанып жүрөт деп ойлошту. Эң акыркы экзаменин күтүп, даярданып жатканда Узак аскерден келди. Сарыбай менен Уларкан кубанып түлөө өткөрүп, эл чакырып, бата алышты. Эл тарагандан кийин Узак атасы менен сүйлөшүп турду.

- Ата, мен сиз менен сүйлөшмөкмүн, - деди Узак мукактана.

- Айта бер, уулум, кандай сөз?

- Мен…

- Жайчылыкпы деги?

- Ооба, жайчылык эле, мен бир кыз менен…

- Эмне…

- Ата, биздин командирибиздин кызы, ал Фрунзеде калды, Москвада иштейт, кыргыз эле. Ата-энеси мени жакшы көрөт, Кылычбек Маржанкулов деген командирим, - деп Узак сөзүнүн баш-аягын таппай түшүндүрүүгө аракеттенип жатты. - Өзү полковник, Нарындан болушат экен.

- Эмне дегиң келип турат, уулум?

- Кыз мени менен келген, эртең кайра барып алып келишим керек, - деди уулу кежигесин кашылай.

- Ата-энеси Москвада калдыбы?

- Ооба, кызды мен ала келгем…

- Ой, ат-таңдын оозун урайын десе, андай болсо ала эле келбейт белең, мен дагы бир орустун кызына чалынып алган экен десе, апаң менен сүйлөшөйүн, - деп Сарыбай Уларканга кирди. - Байбиче, балаң өзү эле эмес келин ала келиптир, эмне кылалы?

- Эмне дейт, ботом, каякта экен келин?

- Полковниктин кызы дейт, шаарга таштап келиптир, алып келгенге уруксат сурап турат балаң.

- Апэ-эй, абышка, кыргыз бекен деги?

- Кып-кыргыз эле, түбү нарындык экен, аскер адамы болсо өкмөт жиберген жакта болот да, - деди Сарыбай бакылдап.

Экөө кеңешип, эки-үч досун кошуп, Узакты Фрунзеге жөнөткөн соң келин алганга камынып калышты. Дал ошол күнү Тумарбү акыркы экзаменин берип, үйүнө жалгыз кеткенден коркуп турган. Анткени аны ала качмак болгондор ар тараптан аңдып жүргөнүн кулагы чалган, алардын бири Анаркул эле. Жакинге өчөшүп, атайын ала качам деген ойдо ата-энесин даярдатып койгон. Бир күн мурун келген Жакин анын Тумарбүнү көздөп жүргөнүн билсе да, өзү сүйгөнүнө ишенип, чоң энесине дагы айтпай машинасын айдап мектепке келди. Турмабү эки мугалим менен фойеде туруптур.

- Саламатсыздарбы? - Жакин алар менен сыпайы учурашып, Тумарбүнү куттуктап чекесинен өптү.

- Келип калганыңыз жакшы болбодубу, коркуп жаттым эле, - деп Тумарбү эжекелери менен коштошо Жакин менен катарлаша басып, волгага түштү. Аны көрүп Анаркулдун жини кайнады. Жанындагы досторунун бири:

- Ой, тиги кызың Жакин менен кетип калды го? - деди.

- Аяш акеси да, үйүнө жеткирип койсо алып кетебиз, түнү бою аңдып туруп, алып кетебиз, - деди Анаркул.

- Аа-а, андай болсо сөз жок.

Ошентип алар Жакиндин артынан жөнөштү. Анаркул артына отуруп, өзүн көргөзбөөгө тырышып жатты. Алакандай айылдын эли баарын көрүп-билип турат эмеспи. Бул убакта Анаркулдун үйүндө да, Тумарбүнүн үйүндө да туугандары чогулуп, келин алуунун камын көрүп жатышкан. Жакин Тумарбүнү жеткирип келип, жаңылыкты угуп алып, отуруп калды. "Эми эмне кылсам, булар келин алып жатса, мен Тумашты алып кетип калганым туура эмес го. Эмнеси болсо дагы ага кеңешип көрөйүн", - деп ойлоду ичинен. Сарыбайлар келин келгенчекти союлчу малын даярдап, үй ичин чыгарып актап, чаң-тополоң түшүп жаткан. Тумарбүнүн дагы колу бошобой калды. Жакин ага жардам берип, жанында туруп, сыр билгизбей:

- Тумаш, мен сени таштап кете албайм, бүрсүгүнү жумушка чыгышым керек, - деди акырын.

- Мен дагы сенден калбайм, Жакин, эгерде калсам мени жактырбаган бирөө алып кетип калат.

- Анда бүгүн түнү кеттик.

- Жарайт, атамдар жатаары менен кетебиз, баса, Анаркул деген неме артымдан калбайт, үч күндөн бери аңдып жүрөт.

- Анаркул? - деп сурады Жакин, Тумарбүнү жайына койбогону үчүн Анаркулга жини келди.

- Эмнеге чочуп кеттиң?

- Анаркул дедиңби?

- Ооба, качантан бери эле асылып жүрөт, сүйөм дейт.

- Ага көрсөтпөсөм элеби? - деп жасап жаткан ишин таштап, машинасына отурду да, катуу айдап кетип баратты.

- Кызык, буга эмне болду? - Кыз карап кала берди.

Жакин айылдын өңгүл-дөңгүл жолдору менен шалкылдата айдап, туура эле Толкунбектин үйүнө келди, эч ким менен учурашпай эле:

- Анаркул кайда? - деди кичүү инисинен.

- Ал кыз ала качам деп жүрөт.

- Ошондойбу? - деп кайра артына бурулду. Жакин жолдо келе жатканда универмагдын жанында үч-төрт бала менен күпүлдөшүп, арак ичип жаткан инисин көрүп, машинесин токтотуп, басып келди.

- Анаркул, сенде сөз бар.

- Кандай сөз? - Ал керсейе карады.

- Бас бери!

- Агатай, эмне мынчалык… - деп Анаркул кызаңдай ага жакындады. - Кулак сизде.

- Сен Тумарбүнү унут, бул сенин мага кылган тууганчылыгыңбы же душмандыгыңбы?

- Кандай ойлосоң ошондой ойло, ал меники!

- Сен ойлонуп сүйлөп жатасыңбы?

- Алда качан ойлонуп, чечип койгомун, - деп керсейе караганда Жакин аны жакадан алды.

- Эгерде айтканыңдан кайтпасаң сени менен касташууга даярмын!

- Мен дагы.

- Кыз мени сүйөт!

- Алып алгандан кийин кыздар өзү эле сүйүп калат. - Экөө ушинтип жакалашып калганда Анаркулдун достору бери жакта өздөрүнчө сүйлөшүп турду:

- Жүрү, арачалайлы.

- Эмне кылабыз, баары бир туугандар да.

- Койсоңчу, ажыратып койбойлубу?

- Жо-ок, анча катуу урушкан жок, кокус катуу кетсе көрөбүз да, - деп карап турушту.

- Анаркул, мен сени эмес Толкунбек атамды сыйлап жатам, ушундайда эсиңди жый, менде өчүң болсо андай эмес башкача сүйлөш, кыз баары бир сени сүйбөйт.

- Жаңыласың, үйгө баргандан кийин мени деле сүйүп калат дедим го?

- Колуңдан келсе ал, келбесе экинчи сени менен кездешпегенге аракет кылам! - деген Жакин жакасын силкип коюп, басып кетти.

- Бар, бара бер, буйрукту көрө жатаарбыз! - деп Анаркул ызырынып кала берди.

Ал Жакин кеткенден кийин мас болгончо ичти, балдар менен Сарыбайдын үйүн тегеректеп, ары өтүп, бери өтүп жатканын көргөн Жакиндин жини келди. Бирок алар Сарыбайдан, короо толгон туугандарынан даап кире алышкан жок, болбосо үйүнөн алып чыгабыз деп сүйлөшүшкөн. Түн бир оокумда дүпүрөшүп мал сарай жагына өтүп, үйүндөгүлөрдү алаксытмак болушту. Сарыбай келин алганга даярдаган коюн, жеңетайга берчи торпогун уурдап кетеби деп, Уларкан экөө чырак кармап жөнөгөндө бурчта жашынып турган төртөө тапырап үйгө кирип барды. Төрдө Мурат, Тураттар менен катарлаш жаткан Жакин ыргып тура калып, үйгө кирип келгендер менен мушташып, Тумарбү жаткан бөлмөгө киргизбей эшикке сүрүп чыкты. Ошол маалда аларды алдынан союл кармаган Сарыбай тосуп алды. Экөөлөп уруп-согуп киргенде төртөө төрт жакка качып жөнөштү.

- Ат-тааңдын оозунурайындар десе, кармап алганда болот эле да, эртең милицияга кармап берет элем, - деди короонун оозуна чейин жеткен Сарыбай.

- Ким болсо да куру кеткени жакшы болду.

- Кудай сакта-а, Тумашты үйдөн ала качмак экен да, - дешип түн ортосунда ар жерде соксоюп отурушту. Тумарбү андан бетер титиреп коркуп алган.

- Коркпо, кызым, көпкөн немелер го, кандай кудай урган немелер эле? - деп Уларкан тыбырап жатты. Андан кийин өз-өз ордуларына жатып калышты. Баары уктаганда Жакин уйкусу келбей жатып, акырын дубалды ургулап Тумарбүгө белги кылды эле ал дагы уруп койду. Жакин шапа-шупа кийине калып, эшикке чыгып кызды күттү. Таң кылайып калган учур эле.

- Эмне болду? - деди кыз чыгып келип.

- Тумаш, мен сенден айрылып каламбы деп корком.

- Жо-ок, биз эч качан айрылбайбыз.

- Эмне кылалы, кетелиби, айтчы?

- Сиздин эркиңизге койдук…

- Анда кийинип чык.

- Жарайт, мен даярмын, эртең менен атамдар эмне дешээр экен? - деди кыз жүрөксүй.

- Алар түшүнүшөт.

- Кеттик анда, сенин атаңдар эмне деп ойлошот?

- Алар кайра кубанышат, жүрү, Тумаш, кечигип калбайлы, - деди Жакин.

Тумарбү кайра акырын кирип, кийинип чыккандан кийин экөө волгага отурушту да, жөнөп кетишти. Ушул убакта бети-баштары көк-ала болгон Анаркулдун достору үйлөрүнө кетпей арак ичип жолдо турушкан. Өтүп бараткан волганы тааный койгон Анаркул:

- Эй, мына бу тууган чалышым го? - деди кыжырлуу.

- Эми силердикине баратса керек.

- Айда, артынан жүрөлү, - деп анын артына түшүштү, алагүү болгон жигиттер волганын шаарга кетчү жолго бурулганын көргөндө да калбай келе берди.

- Жакин, артыбызда бир машина келе жатат, - деди Тумарбү корккондой үнү калтырап.

- Коркпо, жанагылар го, демек сени күн-түн аңдып калган экен.

- Эмнеге өзүң каалабасаң да минтип артыңдан түшүп алат? - Кыз ызалуу үн катты.

- Сүйүп калгандыр.

- Кантип ушуну сүйүү деп ойлойсуң, бул жөн эле кара өзгөйлүк болуп жатпайбы?

- Мейли, бизди узатып койсун, - деп Жакин кызды жылмая караганда катуу айдаган жигули алардын жанынан зуулдата өтүп кетти.

Бир аздан кийин жайлата айдап, бир топ алыста кала берди. Айылдан узаганча бирде алдыга өтүп, бирде кала берип, кете беришти. Качан гана айылдан бир топ узаганда артынан катуу келип, күү менен сүздү эле Жакин терезени сүзө токтоду, кыз аз жерден калды, болбосо маңдайкы терезеден чыгып кетмек. Алар өзүнө келгиче дагы түрттү. Тормозду тебе калган Жакин артында өзүн көздөй келе жаткан жигулини карап алып, артка айдап жөнөдү. Волганын катуу келатканын көргөн беркилер токтоп калышты. Аңгыча таң агарып кетти. Жолдон бирин-серин машиналар жүрө баштады. Анаркул жанындагыларга карап:

- Жайына койолубу жамандарды? - деди мылжыя.

- Ошентиш керек го?

- Давай анда кеттик, - дешти шериктери.

Артына кайрылып кеткен жигулини көрүп, Жакин четке токтоп, жерге түшүп эки жагын карады, арты бырыйып калыптыр. "Сендей туугандан кечтим", - деп кобурана кайра рулга отурду да, шаарды көздөй жөнөдү. Алар түшкө жакын келишти, Жакин Тумарбүнү машинасына калтырып, өзү үйүнө барып, болгон окуяны айтып берди.

- Анан, Тумашты алып келдиңби? - деди Фарида.

- Ооба, машинада отурат, - деди Жакин жер карай.

- Кокуй гүн, алып келе бер үйгө, колу-коңшуну чакыра койойун, - деп Фарида шашып калды. Болсунбектин жумушуна телефон чалдырды. Ошентип Тумарбүнү келин кылып алдык деп Сарыбайга киши жөнөтүштү. Адегенде чабарман тууганы Толкунбектикине келди эле анын аялы Абазгүл сүйүңкүрөбөй тосту. Анткени Анаркул досу Үсөндүн машинасынын талкаланган фараларын оңдоп берип, бир топ чыгым болгондо Жакинди аябай жамандап салган.

- Ошо кыз да келесоо тура, ботом, мурун эжеси менен сүйлөшүп жүргөнүнө карабай тийип алганын, - деди жактырбай мурдун чүйрүп.

- Эмне болсо да беришибиз керек, торпоктун моюнчасын чечип, жип байлап бергиле, - деди Толкунбек.

- Багып койгонсуп мал-мал дешет, - деп тырчыңдады Абазгүл.

- Болду, малы болсо бер дейт да, же сенден сурап жатабы? - деп Толкунбек ачуулана караганда унчукпай калды. Жакиндин үйлөнгөнүн уккан Турдубү жетип келди.

- Толкун, камынгыла, садагам, Бокем тууганы жоктой томсоруп калбасын.

- Апа, сен эле барып келчи, - деди Толкунбек көңүлсүз.

- Ой, бала, ал эмне дегениң ыя, ушул экөөңдү көзүм өтсө дагы ынтымактуу болот го деп жүрсөм эмнеге карайып калгансың?

- Апа, берчүбүздү беребиз да.

- Көп сүйлөбөй Абаз экөөң тең камынгыла, бири-бириңе жөлөк болот экен деп жүрсө, мунуң эмнең ыя? Болсундун биринчи келини, биз чогуу барып, калдайып караан болуп турбасак болбойт. Баса, сенин арамың да түндө келбей кайда жүрүптүр, кызды ала албай калыптырбы? - деди эч нерседен кабары жок эне.

- Ооба, ала албай калыптыр, акыры алат да, - деп Абазгүл терс бурула кайненесин да жактырбагандай сүйлөдү.

Сарыбайдын үйүнө жеңил машина келип токтоп, андан түшкөн үч киши кобураша үйгө карай басканда Сарыбай чыга калды.

- Кулдугубуз бар, куда, кызыңар Болсунбектин баласына барды, - деди бири колун бооруна алып.

- Кулдугуңар кудайга, - деген Сарыбай артынан чыккан аялын карады. -Тумашты Жакин алып кеткен тура.

- Капырай де, үйүбүздө билгизбей жүрүппү?

- Эмне кылабыз, өздөрү сүйлөшкөндүр, досумдун үйүнө барса эчтеке дей албайм, киргиле, кудалар, киргиле үйгө, - дегенде тигилер кубанып кетишти.

- Рахмат, куда, ачуу басарды түшүрө койолу, - деп багаждагы торпокту, бир жашик арак менен коробкаланган таттуу-тарапаны түшүрүштү да, көтөрүп үйгө киришти. Сарыбай аларды коноктоп, кийит кийгизип, анан узатты, торпок менен кошо эки миң сому бар эле.

Ошентип Жакин менен Тумарбү бактылуу турмушта жашап калышты. Ошол жылы аны окууга киргизип коюшту. Анаркул эки жылдан кийин үйлөндү. Жакин аны менен сүйлөшпөй жүрүп, акыры ата-энелери жараштырды. Кумарбү сиңдисинин Жакинге чыкканын укканда таңгалган деле жок, кайра кубанып: "Жакин жакшы жигит, Тумашты бактылуу кыла алат", - деп ойлоп койду.

Канча жылдар өтсө да ушул окуялар көз алдынан, эсинен кетпей көңүлү бирде сыздап, бирде балдарынын кубанычына ыраазы болуп жашап келет. Эң улуу кызы Насыйкаттын барган жери да абдан жакшы болду, анын үч баласы бар, андан кийинкиси Бактыбек.

"Аттиң", - деп алды эне, азыр өзүнүн жашы элүү жетиде, карылыкка моюн суна элек, неберелерин карап үйдө. Эмилбектин көзү өткөнүнө беш жыл болду. Балдары акыл-эстүү, ыймандуу болду. "Ошондо неге тартындым экен, өзүмдүн тагдырымды өзүм чечип койгонумду кара, ата-энем көнбөй кайда бармак эле", - деп шуу үшкүрүп алды. Өмүрбек жакындан бери келип-кетип турат. Келгенде дагы Эмилбек менен өткөргөн оор күндөрүн эске салганы өтөт Кумарбүгө. Анткени Эмилбек үч-төрт балалуу болгончо бир аз тыйылганы менен кийин кайрадан Тотукандын үйүнө кирип алганда Света бир күнү өзү барган. Анда ушул эң кенжеси Уланбек төрөлүп калган. Беш бала менен кете албай, ата-энесине да билгизбей жашап жүрбөдүбү. Света барганда Тотукан үйүндө экен, аны көрүп эле отурган жеринен тура калды.

- Келиңиз.

- Келдим, сен менин баламды үй-бүлөсүнө каратпай бузгандан коркпойсуңбу ыя, беш баланын кусуру урат го? - деди босогодон өтпөй эле.

- Мен балаңызды азгырган жокмун.

- Азгырбасаң кет дебейсиңби, кандай кудай урган уяты жок келинсиң? Сени мен келин катары көрмөк тургай келинимдин ордуна отургузбайм, сыйың менен баламдан кет, жолотпо аны, эгерде анын тапканына кызыгып жүрсөң мен сага канча керек болсо берем, баламды кайрып бер! - деп Света баса-баса айтып алып, кайра жумшара көзүнө жаш кылгырды. - Суранам, баламды үй-бүлөсүнөн ажыратпа?! - деп ыйлап суранды. - Мендей энең бардыр, аягын мени.

- Кечириңиз, эми келсе киргизбейм, - дегенге зорго жарады Тотукан.

Ошондо кайра Кумарбүгө келип өзү айткан эле:

- Садага, Эмилбекти жек көрсөң да балдар турат, асты кетем дей көрбө, кудалар билбесин, айланайын. Сен менин биринчи келинимсиң, кызымдай көрөм, силерден айрылгым келбейт.

- Апа, кетсем алда качан кетмекмин, балдарымды кимге кор кылам, ата-энеме батканым менен эл айтат. Андан көрө өз арманымды ичке катып жашай берейин, кокус тагам болбогондо бул жерде турмак эмес элем го, ал менин мындай жашоого туш болорумду кайдан билсин? - деди Кумарбү ыйлап.

- Эми кантейин, уулумду тыя албасам да, сени кармап турам, - деп Света үйүнө эки баланы ээрчитип кетти.

Бир саат өтүп-өтпөй Эмилбек кызуу келип, аны айтпай-дебей эле ур-тепкиге алып кирди. Ошондо кайдан-жайдан келгени белгисиз Өмүрбек кирип келип, Эмилбектин колун кайрып, эшикке алып чыкты.

- Сенин көпкөнүңдү көрүп туруп чыдай албайм, мен азыр Кумашты алып кетем! - деп түртүп жиберип, Кумарбүнү колдон алды. - Качанга чейин буга чыдап жүрө бересиң, таежемдер укса сени алда качан алып кетмек, бас, кеттик!

- Өмүрбек, бул менин жашоом, сен киришпегин, мен эч жакка барбайм! - деп Кумарбү Өмүрбекти урушуп койо берди.

- Өмүрбек, кечир мени, - деди ошондо гана Эмилбек. - Кумашты эми эч качан урбайм, сүйлөбөйм дагы.

- Эк силерди! - деп, Өмүрбек колун шилтей басып кетти.

Ошондон тарта Эмилбек оңолгонсуп эле калган, бир күнү дагы келбей калды. Үч күн жоголуп, анан төртүнчү күнү бутунан тура албай мас болуп келди, анан куса баштады. Кумаш кайненесине баласын чуркатты. Доорон экөө бат эле келип, Эмилбекти ооруканага алып кетишти. Врачтар аны ууланган дешти, түнү менен кусуп, таңга маал зорго эс алды. Ошентип оорукчан болуп, иштебей да калды…

Өмүрбек бир аял алып, бир кыз, бир уулдуу болгондо ажырашып кетти. Тейитбектин үйүндө турат. Тейитбек апасы өлгөндөн кийин Айымбү экөө аерде калышкан. Өмүрбекке аял алып берүүгө канча аракет кылса да болбоду. Бул турмуштун түркүн тагдырына кабылган пенделер өз арабасын кылдыратып күн өткөрө берет эмеспи.

Эшикте аркы-терки басып жүргөн Кумарбү ушулардын баарын көз алдынан өткөрүп, шуу үшкүрүп алды. "Аттиң, өмүргө күүгүм кирип баратат, мен өз тагдырымды өзүм чече албадым, Өмүрбекти сүйгөнүмдү жашырып-жаап жүрүп, өмүрүм өтүп кетти", - деп ойлоп үйгө кирсе, балдары алда качан ойгонуп калган экен. Уланбек жол киресин даярдап, ортончу баласын жанына кошуп, таксиге салып жиберди. Балдарын, эки кызын көрүп, алардыкына бирден түнөп, сыйын көрдү. Андан кийин кайра эле кичүү уулунукуна жөнөдү. Кантсе дагы көнүп калганга болсо керек. Келсе неберелери сагынып калышыптыр, баса калып, өөп-жыттап жатышты. "Ээ жараткан, ушунуңа ыраазымын, эрден көрбөсөм дагы балдарымдан көрө турган болдум. Байкуш атам өтүп кетти, апама бир барып келейин, ага кеңешейин, ал макул десе Өмүрбек менен жашаганга макул болоюн. Ал байкуштун дагы мендей эле сезими, жүрөгү бар эмеспи, сезимдер карыбайт тура. Өзүң карысаң да сезимиң ошол бойдон жашай берет экен, жүрөк баягысындай эле эргип, ээлигип, өткөн өмүрдүн зардабынан оорулуу болуп калса дагы үмүт жанып, көңүл көксөп, жандүйнөң эңсөөдөн ого бетер чарчайт. Мен дагы аз өмүрдө көп нерсеге күбө болдум, жашоодон кутула жаздап түнү бою жаздыкты суулап көз жаш төккөн күнүм болду.." деп улутунуп, келини куйган чайды колуна алып, өз ойуна өзү ыраазы боло отуруп калды...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз