Айгүл ШАРШЕН


"Бакыттын жылмайышы"


Жаштайынан атасынан кордук көрүп, кийинки өз алдынча курган турмуштарында дагы бакыт таба албаган Калыс аттуу кыздын татаал тагдыры баяндалат. Ага ашык болуп калган Мирсаид да өз бактысын көптө барып табат. Чыгарманын соңунда эки каарман кайра бирикпегени менен турмуштан баар таап, бактылуу жашап калышат.

Таласта Таабалды менен Сүйөркүл деген эки бир тууган жанаша жашап, жайы-кышы турмуштун ысык-суугун бирге баштан кечиришкен эле. Алардын Жумакан деген жалгыз карындашы бар. Жайкысын казактар менен бирге жайлашчу экен. Таабалды менен Сүйөркул жайлоонун көктөм мезгилинде боз үйдө кымыз ичип, эки элдин ынтымагын бекемдеп, казактар менен дос-туугандай мамиледе болушчу. Жумаканды он алтыга толуп, солкулдап турган кезде Сатымкул деген жигитке күйөөгө беришти. Сатымкул шуулдаган жигит эле, Жумакан экөө бири-бирин катуу сүйдү. Тагдырдын маңдайга жазган кайгы-кубанычын, ачуу-таттуусун бир татып, эки балалуу болушту. Көп өтпөй Жумаканды аза-муңга салып Сатымкул бу дүйнөдөн өтүп кетти. Көз жашын көлдөткөн Жумакан эки уулун кучактап, төркүндөрүн бел кылып кала берди. Жесирдин карасын алып, ашын бергенден кийин ата-бабадан келе жаткан салтты улап, Жумаканды кайниси Кадыркулга алып беришти. Жумакан Кадыркулга анча моюн сунбай, көнбөй жүрүп, акыры андан бир уул төрөдү. Сатымкулдан калган эки уулу Эргешбай менен Кеңешбайды жана Кадыркулдан көргөн Эрмекбайы менен үч уулун багып-кагып бой жеткиришти. Эки уулун үйлөнтүп-жайлантышты, Эрмекбай эс тартканы ачуулуу, ичкиликке жакын адам болуп өстү. Ата-эненин айтканына кулак какпай, өз билгенин жасап жүрүп, уурулукка көндү. Казактар менен жайлоодо бирге жайлашкан кезде ал беш-алты жигит болуп бир үйүр жылкы менен элүү алтымыш койду бир айдап барып, сатып ийчү экен. Ошентип жүрүп, акыры бир күнү колго түшүп, камалып да келди. Эргешбай менен Кеңешбай эл катары турмуш куруп, үйлүү-жайлуу. Кеңешбайдын аялы Сайра абдан жакшы аял, бирок балалуу боло албай жүрүштү. Аңгыча Эрмекбай түрмөдөн келип, бир күйөөдөн чыккан Зейнепке жолугуп, үйлөнүп жашап калышты. Мурдагы күйөөсүнөн бир кыз, бир уулу бар эле. Эрмекбайга келгенден кийин Калысты төрөп алды, бирок кызыл камчы, орой күйөөсү мас болуп алып аны көп уруп, уурулугун токтотпой, казактардын малын кыргыздарга, кыргыздын уй-жылкыларын казактарга сатып, дөөгүрсүп жүрө берди. Бир күнү Сайра күйөөсүнө:

- Кеңеш, Зейнептин кызын багып алсак кандай болоор экен? - деди көзүн жашылдантып.

- Берээр бекен тиги жинди? - деп жер карады Кеңешбай.

- Мен Зейнепке айтайын, сен иниң менен сүйлөш.

- Болуптур, - деп Кеңешбай түнөрүп тим болду.

- Кеңеш, сенин түнөрүп, санаа тартканыңды билип эле турам, же мен төркүнүмө кетейин, сен үйлөнүп бала-чакалуу бол десем болбойсуң, мага деле жеңил эмес, - деди Сайра муңкана.

- Сакиш, сен кеткен күнү менин өлгөнүм, эч жакка кетпейсиң, экөөбүз тагдырдын башка салганын бирге көрөбүз. Бала болбосо эле жашабайт бекен, баары бир өмүр өтөт, балалуу да, баласызы да өмүрдө түркүк болбойт, - деди келинчегин бооруна кысып.

- Билбейм, ичиңде арманың барбы, өкүнүч-таарыныч барбы деп, сени ойлоно берип жүрөгүм чыдабай баратат.

- Эч кам санаба, Калысты биз багып алабыз, жинди менен өзүм сүйлөшөм, - деп кыналыша кучакташып жатып калышты. Ошондо Сайра отуз үч-отуз төрттөрдөгү болуп-толуп турган чырайы келишкен келин эле. Эртеси Сайра абысынына келди, Калыс алты-жети айлык болуп талпынып калган кыз. Ал кездеги эл ыймандуу эмеспи, кызын сурап келген улуу абысынына Зейнеп жок дей албады.

- Жеңе, Эрмекбай келсин, өзүңдү-өзүң билип калдыңбы дебесин.

- Мейли, ага акең дагы айтам деди.

- Жеңе, бу кызды ал жакшы көрбөйт, эки күн мурун эшикке чыгып кетсем, тулгадагы күйүп жаткан отко кактап атыптыр, - деп Зейнеп көз жашын сыгып алды. - Жаагын жанып ыйлаган кызыңды бир күнү өлтүрүп койом дейт, андан көрө силер багып алганыңар жакшы болоор….

- Жинди болгон го…

- Жеңе, ал жинди эмей эмне эле, ичсе эле жинди да…

- Кокуй күн ай, баланы мерт кылып алса эмне болот?

- Ыйлаганын мен укпай тезек терип кеткенде өлмөк, жеңе, дагы угуп калбадымбы, ушу кызды неге мынчалык жаман көрөөрүн түшүнбөй калдым.

- Ошо куруп кетсин, жүрүп-жүрүп калаар анысы деле, - деп Сайра жубатууга сөз таппай калды. Көзгө сүйкүм, талпынып, күлүп калган наристени колуна алып, жүзүнөн өөп койду. - Ий, садага болоюн десе, чоңойсо керилген сулуу кыз болот.

- Сулуу болбосо да бактылуу болсунчу, жеңе, тигил болсо ичкенин токтотпой, уурулукту тымызын жасап коюп, тапканын кайда жумшаганы белгисиз. Дагы кайсы күнү колго түшүп калат деп менде жан жок, ойлой берип карып кетмей болдум. - Эки абысын чай ичип, сырдашып отуруп, Сайра кечке жуук кетти үйүнө. Ошондон эки күн өтпөй эле Калысты Кеңешбайлар алып кетти. Сайранын кубанычында чек жок, куурчактай кызды колунан түшүрбөй көтөрүп, өзү чапан тигип, тебетей жасап берип, эрмеги эле Калыс. Ал дагы күн өткөн сайын болпоюп көзгө көрүнүп чоңоюп баратты, өзү дагы башкача сүйкүмдүү. Кеңешбай менен Сайранын эрмеги кызы, экөө эки жагынан чыгып, жалынып-жалбарып турат.

- Кеңеш, карасаң кызыңды, жөрмөлөп калды, апа-апа дегенин көрчү.

- Кызым алды менен ата дейт, көрөсүң го?

- Жо-ок, апа деди, кана-кана, кызым, апа деп койчу? - деп наристени колтугунан алып кармаганда Калыс талпына: "ат-та, ат-та", - деп култуңдай күлдү эле Кеңешбай ала койду.

- Көрдүңбү, ата дегенин уктуңбу? - деп эбедейи эзиле өпкүлөп жатты.

- Кызым, апа деп койчу, кана-кана, апа деп койчу? - деп Сайра ого бетер наристеге жалынды. Кыз Кеңешбайдын төшүнө жабышып, башын ката: "буф-буф, ап-па, буф-фуф ата-ап-па-а", - деп талпына бергенде Сайра күйөөсүнүн колунан ала койду. - Берекем, көлөкөм десе, эркетайым менин.

- Жакшы болбодубу ээ, Калыс болбосо жаман болмок экенбиз, эрмек болуп калбады?

- Ананчы, эрмегим-эркем кызым чоңоюп, күйөөгө чыкса, күйөө балам экөөнө өзүнчө үй сатып берип, өзүбүз карайбыз.

- Буйруса, кызыбызга күйөөнү сатып беребиз, - деп бактылуу үй-бүлө наристени ортого алып, бири чайын берсе, бири шымын которуп, ынтымактуу жашап жатышты.


Эрмекбай жайлоодон мал уурдап айылга түшүп, Казакстандын жашыруун сатып алуучуларына шериктери менен түндөп жөнөп кетет. Зейнеп Калыстан кийин дагы төрт бала төрөгөн. Кенже кызы боюнда бар кезде абдан кыйналып ооруканага жатып калып, Калысты алып келишкен. Ата-энесин ага-жеңе деп бөлөк өсүп калганга кыз аларга анча боор бербейт. Өзүнөн кийинки төрт баланы багыш он төрт-он беш жаштагы кыз үчүн өтө оор болду, тамагын жасап, нан бышырып, кир-когун жууп, керээлден кечке жаны тынбайт. Бул убакта Эрмекбай экинчи жолу түрмөгө отуруп келген, өтө ачуулуу, айрыкча Калысты көргөндө жини келип турат. Короо койду Эрмекбай менен бирге сербеңдеп айдашып кышы-жайы дебей кошо жүрөт. Жаны тынбай кой артында жүрсө дагы Эрмекбай аны сөгүнүп-сөздөп, уу тилин агытып, убакыт өтө берди. Сегизинчи класста окуп жүргөндө Калыс апасы Сайра апасына ыйлап жатты.

- Кызым, же сени багып албай койсок болмок экен, баккандан кийин бербей койбой, эми кантейин? - деди Сайра кызы менен кошо буркурай. - Өз атаң болуп туруп, анын мындай залим болоорун ким билди.

- Барбайм алардыкына.

- Кой, кызым, жок дегенде апаң төрөгүчө тура тур, чиедей балдар куурап кетпейби?

- Эмне болсо ошол болсун, - деп Калыс ыйлап жатып кечке маал кетти. Келсе ини-сиңдилери ботала болуп, карды ачканынан кургак нан жеп, ыйлап отурушуптур. Келээри менен тамак жасап, аларды тойгузуп, кийимдерин которуп, анан орун салып жаткырып койду да, камыр жууруп, нан салды. Түнү бою уктабай нан бышырып, таңга маал уктап кеткен экен Эрмекбай кирип келип:

- Калыс! - деп бакырды оозгу бөлмөдөн. Катарлаша жаткан инилеринин четине эмеле кыйшайып жата калган кыз ыргып турду. - Калыс дейм!

- Ата, эмне болду?

- Көзүң кашайып уктай бересиңби, чабыр койлорго чөп салып койбойсуңбу?

- Ата, түндөп нан бышырдым, - деген Калыс көздөрүн ушалай чыгып келди.

- Чай бер, тамагың барбы?

- Ооба, - деп эптеп от жагып, тамак ысытып берди да, кайра чай кайнатты. Зейнеп ооруканада көпкө жатып калды. Калыс аябай жүдөдү. Кир жууп бүткөнчө кеч кирип, тамактын артынан нан жасайт, чабырларга чөп салат, мектепке да кээде бара албай калчу болду. Бой жетип калган кыз өзүн кароого да чолосу тийбей, чачы-башы биттеп кыйналды. Бир күнү сабакка барганда директорго кирди.

- Кел, Кадыркулова, эмне болду? - деди директор ага карап.

- Агай, мени интернатка жибериңизчи.

- Эмнеге, эки ата, эки энең бар го, интернатка багаар-көрөөрү жокторду жөнөтөбүз.

- Мени интернатка жөнөтсөңүз жакшы болот эле…

- Жок, жибере албайбыз, сен сабакты да жакшы окуйсуң, бар, бара гой, - деп Сейдалы Абдрахманов кала берди. Көз жашы куюлган Калыс мектептен чыгып баратты. Ага кийинки кездери атасынын кылыгы жакпай баратат, балалык жан дүйнөсү ооруп, жүрөгү сыздай ишке киришти. Балакатка жеткени билинип, этек кири да келип калган. Бир күнү күн ысыкта жука ич кийимчен, кыска көйнөкчөн эңкейип-тоңкоюп иш кылып жатканда жаңы эле эшиктен кирген Эрмекбай бутун чечип жатып, ары караган Калыстын этегин өйдө түрүп:

- Эмне болуп калган? - деди үңүрөйө.

- Ата, - деп кыз коркуп кетти. Дароо ички бөлмөгө кирип шым кийип чыкты. - Ата, тамак ичип койго кетесиңби? - деди анын тез эле кетишин каалап.

- Сен чоңоюп калгансың го? - деп корулдады Эрмекбай.

- Апама айтам, - деп кызы ыйлап ийди эле:

- Эмнени айтасың, атам көйнөгүмдү түрдү деппи? - деди ырсалактап.

- Анан эмнеге өзүң…

- Болду, бырылдабай тамак бер! - деп Эрмекбай кабагын карыш түйүп, отуруп калды. Калыс тамак-чайын берип, Эрмекбай чыгып кетээри менен эс ала түштү. Кайрадан илбиңдеп үй тиричилигине киришти, керээлден кечке жаны тынган жок. Бир күнү түндөсү Эрмекбай Калысты ээрчитип барып, казактарга мал өткөрдү. Калтырап, түнкү муздак абага чыйрыккан кыз койду кайтарып турганда калдайган караандар чек ара жактан келип, Эрмекбай менен соодалашып, анан койлорду айдап кетишти. Бул анын көп уурулугунун бири эле. Зейнеп аңгыча төрөп келди, эң кичүү кызын карап, жумуш жасай албай дагы көпкө төшөктө жатты. Такыр тыңый албай койгондо кайрадан ооруканага жаткырышты. Калыс түйшүккө бышып да бүткөн. Ошентип кыйналып жүрүп арадан бир жыл өтүп кетти.

Ошол күнү Зейнеп төркүнүнө кеткен. Нан бышырып кеч жаткан Калыс денесин сыйпалап келе жаткан колдон улам чочуп ойгонуп, өзүнүн атасы экенин көргөндө бакырып тура калды.

- Бас үнүңдү, өлтүрүп койо электе, - деди дагы Эрмекбай ошол эле жерден кийимин чечип, тыбырчылаган кызды ой-боюна койбой зордуктап койду.

- Бети жок акмак, ата деген сөздөн айлан! - деп ыйлап жатты кыз, бир түндө куураган чөптөй тебеленип, гүлдөй соолуп, солкулдап ыйлай берди. Эрмекбай болсо эч нерседен капарсыз жеңиштен утуп чыгып, мөөрөй алгансып, чырпыктай кызын чыркыратып коюп басып кетти. Түнү бою көзүнүн жашын көлдөткөн Калыс эртең менен бүткөн бою ооруксунганына карабай кыбырап көнүмүш жумушун жасап жүрдү. Ошондон тартып Эрмекбай аны менчиктеп алган аялындай эле түндөсү коркутуп койнуна кирип жүрдү. Акыры тажаган кыз өз атасына кордолгонун жашырганга алы келбей, участковыйга барып, болгонун болгондой айтып берип отурду. Ошол эле күнү Эрмекбайды милиция кармап кетти. Зейнеп эмне дээрин билбей дел болуп отуруп калды. Калысты интернатка которуп ийишти. Аерде малчылардын балдар менен бир жыл окуду. Интернатта жүргөндө сот болду, агайлары, мектептин директору сотто көрсөтмө берип, мындай тирукмуш окуя болуп кетээрин ойлошпогонун жана алдын ала алышпаганына өкүнгөндөрүн билдиришти. Сайра ыйлап-сыктап келип:

- Өз баласын кордогон адам жарыйбы, адам эмей эле айбандан жаман тура, тилегиң каткырга бербей койсом эмине, - деп ботодой боздоду.

- Апа, өз атама кордолом деп мени ойлоду дейсиңби, айтпай койойун, билдирбейин десем мени аялындай көргүсү бар, - деди Калыс көз жашын аарчып.

- Ошол курусун, убалың жетсин, эми бул айылга тура албай калдың го, кызым.

- Эмне кылам, пешенемден көрдүм.

- Аман жүр, кудай багыңды ачсын, - деп коштошушту.

Фрунзеге келгенден кийин Калыс №5 мектеп-интернатка кирип, окуп калды. Баштагыдай элдин сөзүнөн, көзүнөн корунбай сабагын эт-бети менен берилип окуп, көзгө көрүнүп чыга келди. Математикадан сабак берген Толгонай деген мугалим аны бир күнү өзүнө чакырды.

- Эже, чакырдыңызбы? - деди Калыс башбагып.

- Кир, кире гой, - деп маңдайындагы отургучту көрсөттү Толгонай. - Ата-энең барбы, Калыс?

- Жок, - деди кыз жер карап.

- Эч кимиң жокпу?

- Ооба, - деди Калыс полдон көзүн албай, көз алдына мээримин төгүп чоңойткон Кеңешбай менен Сайра тартылды. Эрмекбай менен Зейнепти элестеткенде балалык жан дүйнөсү менен алардын баарын жек көрүп кетти. - Эч кимим жок!

- Кечир, билген эмесмин, - деген Толгонай бир аз ойлонуп турду да: - Калыс, менин кичинекей балдарым бар, кааласаң мен сени багып алайын, кандай дейсиң? - деди жылмая жанына келип.

- Билбейм.

- Сен макул болсоң үйгө алып кетем.

- Эжейлер жибереби?

- Мен сүйлөшүп чыгарып алам.

- Макул анда, - деди кыз шар эле. Ошол күнү ал Нурбайдын үй-бүлөсүнө кошулду. Бала бакчага барган эки баласы бар экен. Эжекесине жардамдашып тамак жасап, кир жууп, балдарын бакчага алпарып, кайра кечинде алып келип, карап жүргөндө ага дагы бир мугалим:

- Калыс, жумушка киргиң келеби? - деп калды.

- Иш болсо иштейт элем.

- Мен сени фабрикага орноштурам, жатаканада жашайсың.

- Жакшы болот эле, эже.

- Болду, сени орноштурам, - деп айткандай эле бир жумадан кийин камволдук нооту комбинатына киргизип койду. Калыс жатаканада жашап, сергий түштү. Айлык алганда тамак-ашына ченеп алып койот да, калганына өзүнө кийим-кече сатып алат. Кенен басып тура баштады.

Күркүрөгөн күз келип, ишканалардагы жумушчулардын баарын чөпкө жөнөтүп жаткан учур. Калыс да чогуу иштешкендеринен калбай чөпкө кеткени жаткан. Автобуска түшүп атышканда бир жигит аны улам-улам карай берди. Коюу кара каштуу, кирпиктүү бажырайган кара көздөрү төптөгөрөк болгон, мурду кырдач, ак жуумал жигит экен. Калысты карай бергенинен улам кыздар тамашалап калды.

- Калыс, тээтиги жигит сени эле карап жатат да.

- Ошону айтсаң, көзү тешилип калмай болду.

- Сулуу жигит экен, тийишип көрбөйлүбү? - дешип каткырган кыздар бири-бирин нукуй автобуска отуруп жөнөп кетишти.

- Жанагы жигит дагы биз менен иштейт экен ээ?

- Ошондой го, студент окшойт?

- Ооба, студент экен.

- Калыс, чындап эле жанагы жигит жактырып калса эмне кылат элең? - деди бири күлүп.

- Эмне кылмак элем, жактыра берсин.

- Сага жагып калсачы?

- Көрөм да?

- Карачы, сулуу жигит экен, баарыбыз сүйүп калбасак болду, ыя? - деп шыбыраша күлүп баратышты. Жеткенче тамашалашып баратышып, арттагы балдар-кыздар ырдай баштаганда кошулуп ырдап калышты. Ошентип алар тоо боорундагы чөп жыюучуларга деп атайы тигилген чатырларга жайгашышты. Кечке маал суу жээгине барып, Нуржанат экөө жуунуп отурса жанагы жигит алардын жанына басып келип:

- Салам, кыздар! - деп туруп калды.

- Салам, - деп күлүп койду Нуржанат. Калыс унчукпады.

- Таанышып албайлыбы, кыздар, менин атым Мирсаид, - деп жигит жылмая карап колун сунду.

- Менин атым Нуржанат, - деди курбусу күлө карап кол берип жатып.

- Сиздики?..

- Калыс.

- Оо, атыңыз жакшы экен.

- Өзгөчө бекен? - Калыс мисирейе карады.

- Калыс, анчалык катаал карабаңыз эми, ансыз деле сүрдөп араң келдим, - деп Мирсаид кызга тийише жылмайды. - Сиздейди көрбөгөн экем.

- Кантип эле, сулуу кыздар толуп жүрбөйбү?

- Менин көзүмө сиз башкача сулуу көрүндүңүз.

- Мындай жомогуңузду башкага айтыңыз, жүрү, Нуржанат, кеттик, - деп Калыс курбусун карады.

- Кеттик, - деп Нуржанат Мирсаидди жылмая карады да, тура жөнөдү.

- Кыздар, бирге баспайлыбы?

- Кереги жок, биз өзүбүз эле кетебиз, - деп Калыс ылдамдай басып жөнөй берди. Ошондон тартып Мирсаид Калыстын артынан калбады, кыз ага мүмкүндүк бербей качып кетет, алдынан чыкса бекинип калат. Арадан он күн өттү. Бир күнү түштөнүүдөн кийин кыздар үймөк чөптүн түбүндө эс алып кыркаларынан тизилип отурган. Мирсаид алардын жанына жыланды соймоңдото кармап келгенде кыздардын баары чуркурай качып кетишти. Калысты Мирсаид качырбай кармап калды.

- Кандай, сулуу кыз, бул оюнум жактыбы?

- Койо бериңизчи, жыландан корко-ом! - Калыс көзүн жумуп алып, кыйкырып жулунуп жатат. - Койо бериңизчи!

- Жо-ок, койо бербейм, сен мага тийем десең койо берем, - деп жылмайып бир колу менен билектен бекем кармап алып, жыланды соймоңдотту.

- Койо бер дейм! - деп Калыс көзүн жумуп, бетин басып чыңырды.

- Мени сүйөм де.

- Жо-ок!

- Анда койнуңа салам.

- Жо-ок!

- Мына кара салдым, - деп жыланды мойнуна жакындатты. - Сүйөм де, мени сүйөсүңбү?

- Ооба, мен сени сүйөм.

- Чын айтасыңбы?

- Ооба дейм.

- Мына көрдүңөрбү? - деп ызы-чуу түшүп, бери жакта каткырып тургандарды карады. - Элдин көзүнчө дагы айтып койчу.

- Айтпадымбы, жыланыңды алчы!

- Албайм, элдин көзүнчө айт!

- Ооба, сени сүйөм, - деп элге угуза айтканда гана Мирсаид кызды койо берип, жыланды чөнтөгүнө салып койкоңдой басып кетти. Качып кеткен кыздар Калысты тегеректеп калышты, ал кызарып-татарып жер караган бойдон турган.

- Ай ушу неме жеткен жинди, же оорукчан, - деди бир кыз жини келе.

- Ким билет, өзү сүйүүсүн тартуулабай туруп, мени сүй дегени кызык, коркконунан ооруп калса эмне болот.

- Кел, чогулуп туруп айтабыз, керек болсо Калыска жолобой турган кылыш керек, - дешип Мирсаиддин артынан жөнөштү. Кыздардын ичинен Гуля менен Айна өздөрүнчө бөлүнүп, ары карай чөмөлөгө баратып, өздөрүнчө ичи тарып шыбыраша кетишти.

- Калысты катуу сүйүп калган го, ыя?

- Койчу ай, биз деле Калыстан кем эмеспиз…

- Ошону айтсаң, бизге сөз айтса жарашпайбы?

- Антип сөз айтканы шылдың катары сезилет.

- Балким, ошентип мазактап жаткан чыгаар.

- Чынында сулуу жигит ээ?

- Мага дагы жагат, - дешип чөп чөмөлөп жүрүштү. Калыс болсо өзүнчө ойлуу: "Бул кандай неме, элдин көзүнчө сүйөм де деп коркутканы, же мазактап жатабы? Мага жигит сүйгөндү ким коюптур, сүйгөн күндө дагы эмне деп айтам? Ал айтканымды укса шерменде кылып, баарына жарыялап салсачы? Жок, кереги жок, эч качан эч кимди сүйө албайм, тагдырымдын талкаланганы качан", - деп көзүнө жаш кылгыра чөп чөмөлөп жүрдү. Анын жанына келген Нуржанат:

- Калыс, Мирсаид сени чын сүйүп калган го, - деди күлө карап. - Элдин көзүнчө айттырганы кызык болду.

- Жинди неме экен.

- Эгерде мени ошентсе мен жан деп айтмакмын.

- Эми деле айта бер сүйөрүңдү.

- Ал мага эмес, сага жармашып жатпайбы.

- Мага кереги жок.

- Койчу, ушундай жигитти сүйбөйсүңбү?

- Жок ай.

- Сен кыз кылыгыңды кылып жатасың го, болбосо мындай жигиттин сүйүүсүн кош колдоп кабыл алмак башкалар.

- Чын айтам, мага кереги жок, - деп уккусу келбей чөптү айлана басты. Ошол учурда алардын жанына Мирсаид келди.

- Кандай, сулуулар, чарчаган жоксуңарбы?

- Жок.

- Эмнеге чарчамак элек, сенин оюнуң жакты бизге.

- Ыраспы? - Мирсаид Калысты карады. - Сизгечи, чоң кыз?

- Мага эч нерсе жакпайт.

- Неге?

- Оюнду сүйбөйм.

- Калыс, кечинде суу боюнан күтөм, - деп коюп Мирсаид ары басып кетти. Анын Калыс менен сүйлөшүп турганын көргөн кыздар дагы жакындай калышкан эле. Бирок Мирсаид Калыска эңкейе шыбырап коюп басып кеткенде суктанып кала беришти.

- Экөө чынында жарашып калат экен.

- Ооба, жакшы түгөйлөрдөн болушмак.

- Койчу ай, бизге деле жарашмак, - деди Гуля түйрүңдөй. - Эмне, биз сулуу эмеспизби?

- Калыска жетпейсиң.

- Кантип эле, теңгелет болушум керек.

- Койгулачы ай, дүйнө жүзү боюнча бир эле Мирсаид бар бекен? Ар ким өзүнө сулуу, сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу да. Калысты чын жүрөктөн сүйүп калса ага эмне эле тырчып жатасыңар? Андан көрө иштейли да, эртерээк эс алганга кетели, ушул жер бүтсө эрте кетебиз, - деп Нуржанат кыздарга карай кыйкырды.

- Эмне экен, бизге да жарашат Мирсаиддей жигит.

- Кааласаңар ала бергиле да, кармап жаткан эч ким жок, - дешип бири чындаса, бири тамашалап күлүп жатты. Кечинде чатырга келип, кечки тамактарын ичкенден кийин ар кимиси өз ордуна жатып калышты. Кечке чарчаган немелер тез эле уйкуга кетти. Калыс уйкусу келбей: "Эмне кылсам, барганда эмне, мен анын сүйүүсүнө татыбайм да, кантип барам, сүйүүсүн айтса мен эмне дейм, же атам зордуктап койгон деп айтамбы? Анда артын карабай басып кетсечи, өзүм да аны жактырып калдым окшойт, ушунча кыздан мага көңүлү түшүп жатса", - деп ойлогон сайын жаңыдан колуна тийген бактысынан заматта айрылып калчудай жүрөгү дүк-дүк этип согуп жатты. Бирок чыга алган жок. Эртеси кайрадан чөп чөмөлөп жүргөндө Мирсаид ышкырып келип, учурашымыш болуп колуна кагаз карматып кетти. Калыс эми эмне кылаарын билбей калды. Кыздар алаксып иштеп жатканда бир чөмөлөнүн түбүнө отура калып кагазды ачты. "Калыс, мен сени сүйөм, бир көргөндө сүйдүм дегендерге ишенчү эмесмин. Бирок мен ошондой абалда калдым, түн уйкумдан кечип, көз алдымда сен гана турасың. Жакындан бери эч нерсеге табитим жок, ушунун баарына сенин бир гана сүйөм деген сөзүң дабаа болоорун билем, Калыс. Ар дайым сенин жанымда болушуңду каалайм, сен менин дүйнөдөгү эң аруу, эң бир асыл буюмум сымал жакын адамымсың. Мен сени сүйөм, Калыс, бүгүн сени суу боюнан күтөм, сөзсүз кел. Мирсаид", - деген сөздөрдү шашып окуй коюп, эми өйдө боло бергенде Нуржанат көрүндү.

- Бул жерде эмне отурасың?

- Аа-а, башым ооруп эле, - деп мукактанган Калыс колундагы катты ката салды.

- Жигитиңден кат алгансың го?

- Жок-жок, - деди Калыс этек-жеңин күбүгөн боло кайсалактап.

- Жашырбай эле кой, окуй бер, - деп Нуржанат күлө ары кетип калды. Калыс ойлонуп туруп, бешиликти алып, ыргылжың боло чөптү түртө баштады. Ошол күнү кечке ойлуу жүрдү. Өзү деле абдан жоош-момун, көп сүйлөбөгөн, ачуусу келсе да токтоолук менен жеңип, кубанычты салмактуу кабыл алган кыз. Азыр дагы миң ирет калчап бир чечмек болду. Кечки тамактан кийин балдар менен кыздар гитаранын коштоосунда ырдап-бийлеп, топ ойноп жатышты. Калыс акырын чатырга кирип жатып алды. Баргысы келсе да өзүн кармап: "Чакырса эле бара бермек белем, дагы сынайын", - деп жатып үргүлөп уктап кеткен экен чатырдын тушу шырп-шырп эткенде ойгонуп кетти. Караса маңдайында Мирсаид турат, үрүл-бүрүл чырактын жарыгындай сырттан кирип турган айдын нурунан дароо эле тааныды.

- Эмне кылып жүрөсүз?

- Сага келдим.

- Бирөө көрүп калса эмне болот?

- Көрсө көрө берсин, мен сени сүйөөрүмдү айтам.

- Кызык экенсиз.

- Андай эмес, Калыс, сени көргөндөн бери такыр уйкум жок.

- Эмне кылайын, азыр кыздар келип калат.

- Келсе эмне болмок эле?

- Мен уят болом.

- Мен сени уят кылбайм, - деп бери жылганда эшиктен келе жаткан кыздардын үндөрү угулду эле чатырдын этегин түрө калып, сыртка тоголонуп кетти. Калыс оозун басып бүлкүлдөп күлүп жатканда Нуржанат жанына жатып:

- Эмнеге биз менен ойногуң келген жок? - деп сурады.

- Көңүлүм жок.

- Ушу сен сүйүүнүн азап-тозогуна кабылган окшойсуң.

- Койчу, жөн эле айта бербей.

- Билинип эле турбаймбы.

- Эмне жазылып турабы?

- Ооба, көздөрүң айтып турат.

- Билгичтигиң укмуш го, жат, жатып укта, мени эмне кыласың, - деп Калыс ары карап жатып алды. Жумушчулар менен жаштар аралашып чөп чабыкта чогуу иштегени менен кечке маал жаштар өз-өзүнчө топтошуп, бөлүнүп кетишет. Орто жашаган, андан улуулары да бар, көбү жаштар. Эки-экиден болуп жолугушуп, сүйлөшүп тургандарды көрүп эле жүрөт. Бирок Калыс андай свиданиеден коркот, кокус суроо берип ийеби деп тартынат, өзүнүн жан адамга айткыс ички сырын билип койо тургансып корунуп, бул дүйнөдөгү бардык бакыттан куру калгандай сезет өзүн. Мирсаид анын артынан түшкөнү түшкөн, артынан аңдып тургандай кайдан болсо да чыга калат. Бүгүн дагы дааратканадан келе жатса шып этип алдынан чыга калды.

- Кандайсың, Калыс?

- Жакшы.

- Калыс, сен менин суроомо качан жооп бересиң?

- Жообум жок.

- Эмнеге?

- Мен эч кимди сүйгөн эмесмин.

- Калыс.

- Ийи.

- Чын эле жооп бербейсиңби?

- Ооба, жообум жок.

- Анда жүр! - деп колдон алып, эртең мененки тамак ичип жаткандардын үстүнө кирип барды.

- Мирсаид, эмне кылып жатасың? - Калыс аны көздөрүн жалдырата карады. - Бай болгур, койо берчи!

- Тамагыңыздар таттуу болсун! - деди Мирсаид Калыстын сөзүн укмаксан боло экөөнү жардана карап калган ашканадагыларга. - Мен бул кызды чын жүрөгүмдөн сүйөм, а бул мени тоготпой жүрөт. Мен эмне кылсам болот? - деди кыдырата көз жиберип.

- Жооп бербесе, демек сүйбөйт, - деди бири.

- Уялып жаткандыр?

- Кыздар сүйөм деп айтпайт!

- Өзүң сүйсөң аракетиңди жаса! - деп ар кимиси сүйлөп, тим эле жарыш сөзгө чыккандай бажырашып калды ашкананын ичи.

- Анда, - деп Мирсаид Калыска бурулду, - мен бул кызга өзүмдүн сүйүүмдү силердин көзүңөрчө айткым келет: Калыс, мен сени сүйөм!

- Оо-ой, азамат жигит экен ай.

- Ооба десең, ушундай жигитке макул болбосо…

- Макул де, чоң кыз, мындай жигитке макул болбосоң өкүнүп каласың, - дешип ызылдап жиберишти. Мирсаид кызды жетелеп кайра чыгып кетти. Эшикке чыгаары менен Калыс андан колун жулуп алды.

- Эмне, мени мазактаганыңбы? - Жашка толгон ызалуу көздөрүн кадады.

- Калыс, мен сени сүйүү менен мазактамак белем?

- Эмнеге ошончо элдин үстүндө сүйлөйсүң?

- Сени сүйгөнүмдү бул эле эмес дүйнө жүзүнө жар салгым келет, уктуңбу?

- Мага мунуңдун кереги жок! - деп Калыс жүгүргөн бойдон чатырга кирип кетти. Кыздар бешиликтерин көтөрүп чөпкө жөнөштү. Калыс дагы жумушка кетти, ал күнү жумушка алаксып өзүнүн ызасын унутууга аракет кылып жүрдү. Бир күнү жумуштан келе жатканда Нуржанат ага:

- Калыс, эгерде Мирсаид сураса студентмин деп кой, сени эмне текшерип жатыптырбы? - деди күлө.

- Кантип, билип калса уят болом да.

- Койчу ай, эч нерсе деле болбойт.

- Билбейм, көрөбүз да, дегеле сүйлөшкүм келбейт, - деди Калыс ойлуу.

- Сүйлөшө бер, качканда эмне, кыздардын көбү ичи күйүп өлгөнү калды, - деди Нуржанат ага.

Убакыт өтө берди, жай ортолоп, чөп чабык бүтүп бараткан. Бир күнү түшкө маал Калыс атка минип, араба менен чөп тартып келе жаткан Мирсаидди көздөй ат чаап барып аны камчы менен жонго чаап өттү. Тизгинди катуу тартып, артка бурулду да, дагы чаап кетти. Камчы тийген жерлери тызылдаган Мирсаид кыз минген карагерди чылбырдан кармоого тырышып, бир колу менен башын калкалап жүрөт. Бери жакта карап тургандар:

- Ой булардын сүйүүсү анык индиянын сүйүүсүндөй болду ээ, - деп каткырып кызыкка батты.

- Жигит да азамат экен.

- Азаматынан элдин көзүнчө сүйөм деп жатат да.

- Кыз да оңой эмес экен, - дешип өздөрүнчө гүүлдөп жатканда Мирсаид чылбырдан шап кармап, атка секирип минип, кыздын артына жармашты да, дароо колундагы камчыны жулуп алып, теминип-теминип чаап кетти.

- Оой, азаматтар!

- Жашасын жашта-ар!

- Өлбөсүн жигит.

- Жашасын сүйүү! - дешип улуу-кичүү дебей кол чаап, аларды коштогон кыйкырык-сүрөөндөр угулду. Мирсаид атты чапкан бойдон башын ээн талаага бурду.

- Калыс, мен сени ушунуң үчүн сүйөм, - деди артында баратып.

- Мунун эмнеси жакшы, артка бур атты.

- Мен сени ала качтым.

- Каякка, токто дейм.

- Коркпо, азыр келебиз, - деп койду Мирсаид.

- Токтот дейм!

- Токтобойм, качан сен мени сүйөм дегенде токтотом.

- Кызык экенсиң, - деген кыз ушул жолу бырс этип күлүп ийди. - Айттырып эле жатасың го, сурап ичкен суу ичкен, тартып өпкөн жел өпкөн дейт, зордоп сүйдүрүү жагабы сага?

- Майдай жагат, кана, бир жолу мен сени сүйөм, сага күйөөгө чыгам десең токтотом.

- Болуптур, сүйөм сени.

- Тийесиңби мага?

- Ооба! - деп ого бетер күлкүсү келе кыткылыктады кыз.

- Анда токтодук, - деп Мирсаид чылбырды бекем тартып, атты токтотту да, ыргып түшүп кызды колтуктан ала түшүрдү. - Атты жакшы минет экенсиң.

- Чабандын кызымын да, - деп Калыс айтып ийгенин байкабай калды.

- Ошондойбу?

- Ооба, эмне экен?

- Эчтеке, азыр кайсыда окуйсуң?

- Женпедде.

- Жакшы, мен Геология институтунда окуйм, төртүнчү курсмун.

- Жакшы.

- Кел, мындай отуралы.

- Алыстап кетиппиз, кыздар эмне дейт?

- Жигити менен кетти дейт да.

- Уят го…

- Ошонун эмнеси бар, бир айдан кийин сен менин колуктум болосуң, ошондо эч кимден корунбай каласың.

- Койчу? - Калыс уяла жер тиктеди.

- Койбой эле, мындан ары менден уялбай, качпай жүрчү ээ? - Мирсаид кызды ээгинен өйдө көтөрүп өзүнө каратты. - Макулбу, сен Мирсаид деп жүр, болбосо Марат деп айта бер, мени көбү Марат дешет.

- Мм…

- Калыс, ата-энең кайда?

- Таласта.

- Кайсы айыл?

- Чоң-Дөбө, - деп кыз жылмая күлүп койду. - Айылым керекпи же өзүмбү?

- Дегиси баары керек, сендей сулуу кыздын чоңойгон жерин угуп, көргүм келет, сен өскөн, сен туулган жер мен үчүн ыйык, Калыс, - деп жигит кыздын колун кармалап көпкө отурду.

- Кой, кыздар атаандашат, барайын мен, - деп Калыс жигиттин колунан колун бошото өйдө болду.

- Макул, бирок бир шартым бар.

- Айта бер.

- Кечинде ай төбөгө келгенде суу боюна келесиң.

- Болуптур, келем.

- Чынбы, алдабайсыңбы бул жолу?

- Жок, сөзсүз келем, - деген кыз алдыга жүгүрүп кетти. Мирсаид болсо ары жакта кошкуруп оттоп жүргөн карагерге секирип минип, Калыстын артынан жете келди. Өзү ыргып түшүп, ай-буйга келбей эле кызды көтөрүп, ээрге отургузду.

- Эми экөөбүз тең барып иштейбиз, - деп чылбырды колуна алып жандай басты. Кыз жүрөгү элеп-желеп, жүзү албырып эки бетинин оту кызарып чыккан. Алар тээ этектен көрүнгөндө боордо чөп жыйып жүргөндөр ар кайсы жерден токтой калып, карап калышты.

- Бизди карап жатышат.

- Мейли, карай беришсин.

- Уят, мен түшүп алайынчы?

- Жо-ок, болбойт, - деп Мирсаид чылбырды койо бербей кыздын тизесине бир колун коюп заңкылдап ырдап кирди.

Жайдын бир гана толук а-ай кезинде ай.

Адырлуу гана тоонун а-ай бетинде.

Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн ай.

Жайдары гана селки аа-ай эсимде!

- Ушунча катуу ырдайсыңбы? - Кыз күлмүңдөй карады.

- Сен жанымда болсоң бүт аалам уккудай кылып ырдагым келет, Калыс, - деп жылмайган Мирсаид эңкейе калып гүлдөрдөн терип, ашыгына сунду. - Бул менин сүйүүмдүн белгиси, менин сүйүүм ушул тоо гүлдөй назик, тоодой бийик, абасындай таза!

- Рахмат.

- Эмнеге рахмат?

- Мени ошончолук сүйгөнүңө.

- А сенчи, сен мени сүйөсүңбү? - дегенче алды жактан:

- Данияр менен Жамийла келе жата-ат! - деп бирөө кыйкырып калды.

- Жими менен Рита!

- Ромео менен Жульетта!

- Кызык, элдин баары карап калды, - деген Калыс аттан түшүп, чөмөлөдөн сузуп арабага жүктөп жаткан кыздарга карай жүгүрдү.

- Калы-ыс! - деп Нуржанат тээ ары жактан кыйкырды.

- Барата-ам! - Калыс аны көздөй умтулду.

- Калыс, каякка бардыңар? - деп жете келген курбусуна ашыга суроо узатты Нуржанат.

- Кашатка.

- Эмне бар экен аякта?

- Эмне болмок эле?

- Деги да, бактылуу экенсиң, сени биердегилер кандай гана суктанып кеп кылып жатканын билсең! - деп Нуржанат өзүнчө эле эргий сүйлөдү.

- Эмне деп кеп кылышты?

- Мирсаид жигиттин гүлү экен, кыз экөө жарашыктуу түгөй болушат дейт, сен ага сүйөм деп айттыңбы?

- Жо-ок ай, андан көрө иштейли, - деп Калыс курбусунан көзүн ала кача бешилик менен чөп чогултуп кирди. - Анын мага кызыкчылыгы да жок.

- Кызык экенсиң, кыздар өздөрү жүгүрүп жете албаган жигит сага көз артып, сүйүүсүн арнап жатса көтөрүлөсүң да? - деди Нуржанат аны менен катарлаша чөп сүрүп жүрүп.

Калыс андан кийин үндөгөн жок, өзүнчө ойго батып: "Кантип, мен таза болгонумда кандай бактылуу болот элем, анын сүйүүсү мага арман тартуулап жатса кантем? Убалым жетсин сага, ата, ата деген сөзгө татыбайсың, бири-бирибиздин жүзүбүздү тирүүдө көрө албай калдык го. Ошондон көрө эбак өлүп калсаң эстегениме жакшы болмок, эми сени эстегенден жийиркенем, колумдан келсе мыжыгып өлтүргүм келет. Баса, ата-энем малчы деп оозумдан чыгып кетти, өлүп калган, эч кимим жок дегеним жакшы эмес беле", - деп ойлоп жан дүйнөсүндө бороон улуп, канчалык күн ысып турса да силкине бүткөн бою муздап, дирт этип алды. Көз алдына ошол каргашалуу түн келгенде ичиркенип калтырап кетти. Кечке иштеп, кечинде чатырга келип, кечки тамакты ичкен соң жатып алды. Улам сыртты карап койот, бир кезде тептегерек болуп ай чыкты, ай нурун жер бетине тегиз чачырата жай жылып келе жатты. "Ай төбөгө келгенде күтөм", - деген Мирсаиддин сөзү кулагына жаңырып, кыз өзүнчө жылмайып алды. Жаштыктын ар бир сааты, ар бир мүнөтү кандай гана ырахаттуу, кандай гана сонун. Көздөрүн жалжылдата чоң ачып алып: "Эмнеге, мен сүйүүгө татыктуу эмесминби? Сүйүп да, сүйдүрүп да өтүүгө акым бар, мен дагы сүйөм сени, Мирсаид. Жүрөк толкуп сенин атыңды укканда асманда каалгып учкан каркыра сымал сезем өзүмдү. Бирок өкүнүчтүү тагдырымдын жан кыйнаган сыры колу-бутумдан тушап кармап турат, кол тийгис аруу сүйүүм сени менен жүздөшүп, сүйүү сөздөрүн айтууга тоскоолдук кылып турат. Баары бир жаш жүрөгүм сени койо бергиси келбейт, сени жоготкум жок, эгер сүйгөнүң чын болсо кечирүүгө тийишсиң", - деп ойлонуп жатты. Канча убакыт антип ойдун ойдуңдарын аралап, санаанын сансыз кырын ашып жатканы белгисиз, бир маалда акырын чатырдын ачык жеринен асманды караса ай төбөгө келип, тегиз тийип калыптыр. Акырын туруп кийинди да, дабыш чыгарбай сыртка чыгып, элеңдей сууну көздөй кетип жатты.

- Калыс! - деген үндү угуп токтой калды.

- Кайдасың?

- Таап ал! - деп үн салды Мирсаид карааны көрүнбөй.

- Анда кетем, коркуп жатам.

- Коркпо, сулуу кыз, мен сенин жаныңдамын, - деп жигит шыралжындын арасынан тура калды. - Мына, мен биердемин!

- Чочутуп жибердиң.

- Кечир, сулуум, келгениңе рахмат.

- Келээримди билдиң беле?

- Билгем, күндө сенин чатырыңды карап тура берем. Ооба, кыздар ушундай болот да, бир чакырганда эле келе койбойт.

- Кыздар менен көп сүйлөштүң беле?

- Жок, жомоктордо бар го, улуулар дагы көп айтышат, кыз назы менен болбосо болбойт экен…

- Ырас эле мурда кыздар менен сүйлөшкөн жок белең?

- Жок, жолугушуп жүргөм дечи, сүйүү жок болчу, биринчи жолу кыз сүйүп жатам, өмүрүмдөгү бактылуу күнүм бүгүн.

- Менин дагы

. - Чынбы, Калыс, айтсаң, сен мени сүйөсүңбү? - Жигит кызды тике карап, айдын жарыгында ээгинен өйдө көтөрдү. - Айтчы, мени сүйөсүңбү?

- Ооба, мен дагы сени сүйөм.

- Алтыным, - деп кызды кучагына кысып, бир топко турду, ээленген эки жүрөктүн адаттан тыш какканы биринен-бирине угулуп төш тээп турду. - Мен бактылуумун.

- Мен дагы, мен сага бирдемени айтышым керек эле…

- Кереги жок, ашыкча сөздүн кереги эмне, сенин колтугумда кыналып турушуң өзүнчө эле бакыт мага, башканын кереги жок.

- Мир… - Калыс Мирсаиддин Марат деп жүр дегенине болбой ушинтип эркелетип чакырчу болгон.

- Болду, мага ушул бакытты тартуулаганыңа ыраазымын!

- Мир, мен сени менен сүйлөшүшүм керек.

- Эмнени сүйлөшмөксүң, сенин мени сүйөм дегениң эле жетет, - деп кучакташа суу жээгинде отурушту. - Менин эки агам, бир эжем, бир карындашым бар, Калыс, апамдын үчүнчү, бирок сүйүктүү келини болосуң, быйыл үйлөн деп кыйнап жатат, атам жок. Апам сени сөзсүз жактыраарына ишенемин, биз аябай бактылуу болобуз, - деди Мирсаид. Анан күрмөсүн чечип, ичиркене түшкөн ашыгынын ийиндерине жаап, кучактап отурду. Калыс анын бир сөзүн укса, кээ бирин укпай өзүнчө ойлуу. "Мен кыз эмесмин, эмнеси болсо дагы сага ачык айтышым керек эле, сүйлөтпөй жатпайсыңбы. Эми кубанычка батып турган жүрөгүңдү оорутамбы, акактай таза бойдон ак сүйүүнүн ырахатын тата албадым. Кантип үмүтүңдү өчүрөм, өз атам мени зордуктап койгон десем артыңды карабай басып кетээриң бышык. Ай кудай ай, деги эмнеге тагдырымды өз атам талкалады, жек көрөм, жек көрөм ушул жарыктык берген ата-энемди, жашагым да келбейт", - деп жүрөгү канап отурду.

- Мир, - деди бир убакта Калыс.

- Сен сүйлөбө, алтыным, бүгүн мен гана сүйлөшүм керек, сени бир көрүп сүйдүм, кээде өзүмө өзүм таңгалып кетем. Кээ бир кыздар өздөрү сени сүйүп калдым деп кат жазып, бирөөдөн чакыртышса мен таңгалчумун, кантип эле сүйүп калсын, ээнбаш кыздардан болсо керек деп ойлочумун…

- Мир, таң атарына аз калды, кетели эми.

- Дагы бир аз отура туралычы, - деп Мирсаид кызды бооруна бекем кысты. - Мен сени жан дилим менен сүйөм, Калыс, сенден бир мүнөткө дагы бөлүнгүм келбейт.

- Мен дагы, - деп улутунуп койду Калыс.

- Капасыңбы?

- Жо-ок.

- Өкүнүп турасыңбы?

- Эмнеге?

- Күчкө салып сүйөм деп айттырганыма.

- Жок, андай оюм жок.

- Анда эмнеге?

- Эч нерсе, - деп койду Калыс, баарын жашырбай ачык айтайын дегени менен оозу барбады, унчукпай мелтиреди. - Кетелиби?

- Макул, күндө ушул жерден жолугуп туралы ээ?

- Жарайт.

- Кеттик, - деп өйдө болушту. Колтукташа чатырды көздөй басып келатышканда таң кылая чыгыш тарап агарып, түркүн куштун сайраганы адамдын кулак кужурун кандыра, таңкы жел жүрөк эргите бетти аймалап турду.

- Жакшы бар.

- Жакшы эс ал.

- Таң атып калдыбы? - деп жылмайды Калыс.

- Ооба, бир сааттан кийин эртең мененки чайды ичип, жумушка жөнөйбүз. Сен мага капаланган жоксуңбу, Калыс?

- Жо-ок.

- Болуптур анда, бир саат болсо да эс алып ал.

- Сен дагы эс ал, бирөөлөр көрүп койбосун.

- Көргөндөн тартынба, мен сени бул жактан бараарым менен алып кетем, - дегенде кыз токтой калды.

- Ошончо эртеби?

- Эмне экен, сени башкага алдырып ийгенден корком, - деди да, Мирсаид кызды өзүнө карата чекесинен өптү.

Ошондо кыз жүрөгү зырп этип сайгылашып: "Аттиң, мени ушул жигит аяп жатат, таза назик, сүттөй ак деп колун тийгизгиси жок. А мени өз атам эчак эле уйпаланган чөптөй кууратып, сабагынан үзүлгөн гүлдөй соолутуп, ушалап таштандыга кошкону качан. Эгер чындыкты билсең кандай абалда калаар элең, Мир, ошондуктан мен сенин жашооңдон кетүүгө тийишмин, өз абийиримден качам, чындыктан качам", - деп ойлоно эч нерсени сезбей уктап жаткан кыздарды бир сыйра кыдырата карап алып, өз ордуна келип жатып калды. Бирок кирпиги катып калган өңдүү уйкусу качып, чакчайып жата берди. Аңгыча таң аппак атып, күн желеси тоо кыркаларына чачырап, айланага жан кирип, кыймыл башталды. Кыздар туруп, бир-экиден жуунуп келип жатканда Калыс да турду. Аны көргөн Нуржанат:

- Түндө кайда бардың? - деди акырын.

- Кайда барыпмын?

- Ордуңда жок болдуң, өзүңө сак бол, Калыс.

- Койсоңчу ашыкча сөздү, тур чай ичебиз, - деп Калыс чатырдан чыгып кетти. Жуунчу жерге келсе кыздар аны көрүп шыбыраша күлүп калышты. Айна деген кыз аны карап:

- Калыс, сен бактылуусуң ээ, - деди.

- Эмнеге, баарыбыз эле бактылуубуз.

- Биердеги жигиттердин эң көрүнүктүүсү сени сүйүп калганын айтам да.

- Балким жөн эле сөздүр, мен эч кимге, ал тургай өзүмө да ишенбейм, - деген Калыс кайдыгер гана арыктагы сууга бети-колун жууп, чатырга келди. Негизи жети-сегиз кыз, беш-алты келин, он чакты эркек бар.

- Жаштык бар жерде жалын бар деген ушу да, кыздар бир-бирден жигит таап, келечек бактысы үчүн күрөшкө түштү, - деп калды аларды жетектеп келген бригадир Нуралы.

- Ошону айтсаң, биздин мезгил өткөн экен, чарчаганга шалпыйып эле уктап калабыз. Кечке иштешсе да кечинде жигиттер менен көңүл ачып жатышат, - деди отуздардан өтүп калган Роза аттуу келин.

- Мейли, чектен чыгышпаса болду, жаштык доорун сүрө беришсин, - деп сүйлөшүп отурушканда шыңкылдашкан кыздар келип, орун алып калышты. Кетээрине бир жума калган.

Убакыттын аркыраган желге окшогон күндөрү билинбей өтүп, кетээрге үч күн калганда Мирсаид менен Калыс күүгүмдө сүйлөшүп турушту. Азыр аларга эч ким көңүл бөлбөй аба менен суудай сезип, үн дебей калышкан. Анткени адамга эң зарылы аба жана суу эмеспи. Бул экөө дагы бири-бирисиз жашай албай калганын түшүнүшүп, кээси суктана кеп кылса, кээси дагы эле көрө албай зар болуп жүргөн.

- Калыс, мен эртең кетип жатам, жатаканадан издеп табам.

- Макул, - деп кыз жер карай үн катты.

- Бул жерден бараарым менен апама кат жазам да, сени алып кетем.

- Көрөбүз го?

- Көрөбүз го эмес, сөзсүз алып кетем.

- Макул.

- Сен мени таштап кетпейсиңби?

- Жо-ок.

- Анда мен сени бараарың менен алып кетем, жок дегенде коштошоордо мени сурантпай эле сүйөм деп койчу?

- Суранба, мен сени аябай сүйөм!

- Алтыным десе, сенсиз жашай албайм, сенсиз менин жарык күнүм караңгы түнгө айланчу болду. Биз баш кошсок бактылуу болобуз ээ?

- И-ийи…

- Ишенесиңби, мага сен ишенсең болду, апам келин алып келип берсең болот эле деп жанымды койбойт.

- Мен жагаар бекенмин?

- Жагасың, сөзсүз жагасың.

- Жаксам болду.

- Айттым го, сопсонун жагасың деп. - Мирсаид саал эңкейе кызды күнгө тууруккан жүзүнөн секин өөп койду. - Сен менин бактымсың.

- Менин дагы…

- Эртең эрте кетем, сен мени узатасыңбы?

- Эмнеге эрте кетип жатасың?

- Менин бир аз иштерим бар эле, агайым эрте келсин деп чакырып ийиптир.

- Аа-а, анда жакшы бар, шаарга барганда жолугабыз.

- Макул анда мен барып эс алайын ээ?

- Бар, эс алып, эрте чыкканыңа жакшы.

- Кош, жаным, көрүшкөнчө, - деп Мирсаид кызды бекем кучактап жүзүнөн дагы сүйдү. - Эртең уйкуңду бузуп барбай эле кой.

- Жарайт, көрүшкөнчө аман бол, - деп кыз жигиттин мойнуна асылганда:

- Ой, мага эмне беш күндө бирдеме болуп кетмек беле? - деди жигит каткырып. - Чоң энемдей камкорсуң.

- Кызыксың, адам баласын саат-мүнөт сайын күтүп турган кырсыктардан сактасынчы.

- Макул, кудай сактасын, сенин жаныңдан бөлүнгүм келбейт.

- Мен дагы, кой эми, барып эс ал, - деп кыз жигитинин мойнунан колун алды. Экөө кол кармаша катар тигилген чатырлардын эркектер жатчуларына жетип, ортого токтошту. Колдору бири-бирин койо бербей көпкө турушту. Ай төбөдөн нурун чачып, аларды көрүп, бакыт каалагандай мемирейт: "Эх, жаштар-жаштар, бул дүйнөнү дагы эки жаштын сүйүүсүнөн бүткөн таза сезимдер кармап тургандай. Атам замандан бери канчалаган жаштар көз жашын төкпөдү, канчасы сүйүү дастанына айланып, жер жүзүндөгү акындардын оозунан түшпөй ырга айланбады. Дагы эле сүйүү деген ыйык сезим адам баласын өз кучагына алып, кээ бирин бакытка магдыратса, кай бирин ачуу арманга батырып, сүйүүнүн бар экенин далилдеп келе жатпайбы", - дегенсийт.

- Кош, жаным, мени унутпа!

- Унутпайм, ар бир мүнөтүм сени менен бирге, көзүм жумулуп эле кетпесе унутпайм.

- Кош... - Колдор зорго бөлүндү, кыз узата карап турду, жигит чатырга жеткенче арты менен басып кетип баратты. Качан гана кирип кеткенде жигит менен бирге жүрөгү суурулуп кеткендей бир бөйрөгү эңшериле кыз чатырга кирди. Нуржанат ойгоо экен.

- Келдиңби? - деди ал кирээри менен.

- Ийи, уктай элексиңби?

- Уйкум келбей жатат.

- Эми уктайлы, - деп Калыс курбусунун жанына жатып калды.

- Махабаттуу түнүңөр кандай өттү?

- Эң сонун.

- Сага үйлөнөм дейби?

- Ооба.

- Качан?

- Чөптөн бараарыбыз менен.

- Ырас элеби?

- Ооба.

- Бактылуу болгула, сени менен бирге барам ээ?

- Макул, менин жакын курбумсуң да, сен барбаганда анан ким бармак эле, - деп Калыс кыткылыктап күлүп калды.

- Мен күйөөгө тийгенди жакшы көрөм, "келин келди, келин келди!" дешип, чачыласын чачып, аппак жоолугун көтөрүп келе жаткан эненин кубанычы кандай керемет!

- Кыялданбасаң деле күйөөгө чыгасың, эмнеге шашасың?

- Шашканым жок, кызык сезе берем.

- Чынында менин күйөөгө чыга турган оюм жок, Мир эле болбой үйлөнөм деп жатпайбы? - Калыс улутунуп ийди.

- Кызыксың ай, алам дегенде тийиш керек, бир кезде эч ким карабай калса, ошондо арман кыласың, ар нерсенин өз учуру бар турбайбы, курбум.

- Эми пешенеге жазганын көрөбүз да.

- Өтө кайсарсың.

- Кайсар дегениң эмнең?

- Өз оюңду бербейсиң, өзүм билемдигиң күч.

- Баары эле ошентет чыгаар.

- Жо-ок ай, башкалар андай эмес, адамдын айтканын угат, кепке конок берет, - деди Нуржанат эбиреп-жебиреп.

- Макул эми уктайлы, эртең эрте турабыз.

- Жакшы түш көр.

- Өзүң дагы, - деди дагы экөө эки жакты карап жатып калышты.

Булар экөө тең турмуштун ысык-суугун али татып көрө элек кыздар, алдыда тоскоолдуктар күтүп турабы же бийик бакытпы, булар үчүн али бүдөмүк. Калыс Нуржанатка караганда жүрөгү жаралуу, Мирсаидди ойлоор замат жер астын-үстүн боло өткөн өмүрү көз алдына келет, өзүн-өзү жек көрүп кетет. Жумуш күнү бүтүп, үй-үйлөрүнө кайтышты. Келгенден кийин үч күн эс алып, кир-когун жууп жатканда Толгонай келиптир, аны көрүп Калыс утурлай басты.

- Келиңиз, эже, - деп күлө каршы алды.

- Келдим, качан келдиң чөптөн?

- Кечээ келдим.

- Мен баягы күнү келип таппай калдым.

- Жөн элеби, эже?

- Сен бизге айтпай кетип калдың, ал-абалыңды билейин дегем.

- Эже, мен тогузунчу класстан кийин мектепти окубай деги калдым, кийим-кечем жок, эптеп сегиздин күбөлүгү менен окууга кирип алсамбы дегем, - деп Калыс күнөөлүүдөй жер карады.

- Өзүң бил, бирок үйгө баргың келгенде тартынбай барып тур.

- Макул.

- Мейли, мен кетейин, - деп Толгонай артына кайрылды.

- Жакшы барыңыз, эже, - деп Калыс узатып, кайра кирди. Ал ар кайсыны ойлоно кирин жайып, анан карды ачканынан чай койду. "Мени алып кетсе эч нерсем жок, жаңыраак көйнөгүм болгондо жакшы болот эле. Кийимим жок барсам эмне деп ойлошот? Мир деле ойлойт да, айлыгым тийгиче койо тур деп айтсам бекен", - деп мелтейе өз ою менен алышып отурганда Нуржанат келип калды, ал экөө чогуу жашачу.

- Зериккен жоксуңбу?

- Эмнеге зеригем, ырас келбедиңби, кардым ачты, жалгыз чай дагы иче албай отурдум эле.

- Мен дагы ачкамын, чыз-пыз жасадыңбы?

- Жо-ок, эчтеке калбаптыр.

- Ай-ий, жок бекен?

- Ооба, айлык тийгенче аз убакыт калбадыбы, чыдайбыз да.

- Кантип, менде бир аз тыйын бар, алып келе койойунбу?

- Жолуңа калабы?

- Жетет.

- Анда алып келе кал, меники жолума эле турат, - деп эки кыз ынтымакташа курсак камын көрүп, бир аз тамак жасап, эми чайга отурганда коңшу бөлмөдөгү кыздардын бири башбакты.

- Кыздар, силерди бирөө издеп келген.

- Качан, кимди издеп келди?

- Калысты.

- Ким экен?

- Атын билбейм, бирок бир жакшынакай жигит.

- Атын айткан жокпу?

- Жок, келгенине он күндөй болду.

- Ким болду экен? - деп Калыс Нуржанатты карады, ал ийинин куушурду.

- Макул, мойнума карыз кылбай айтып койоюн дегемин, - деп ал кыз кайра кетти.

- Он чакты күн болсо, ким болду экен?

- Мен кайдан билем, жигитиң жок беле?

- Ой, жок, мен Мирден мурун дегеле бирөө менен таанышкан эмесмин, анын келгенине төрт-беш күн эле болду да.

- Агаларың жок беле?

- Жо-ок.

- Кызык экен, ким болсо да келээр.

- Келет чыгаар, - деп Калыс дагы тим болду.

Тамактанып отуруп сүйлөшүп, күлүп жатышты. Мындай кезде оюн-тамаша деген жаштыктын жакшы шааниси эмеспи. Таң аткандан кечке Калыс китеп таап алып окуй берет, окусам дегенде эки көзү төрт, бирок канткенде окуп алаарын билбей башы маң. Арадан он чакты күн өтсө да Мирсаидден дайын болбой калды. "Кызык, сенсиз жашай албайм, сенсиз жашоомду элестете да албайм деген неме дайынсыз кетти го, адамга кантип ишенсе болот", - деп Калыс ойлоно баштады. Ой менен санааны жүктөнүп алып, китептин бетинен өзүнүн сүйгөнүн көрүп, мээсине эч нерсе кирбей жалгыз отурган. Эшик тыкылдаганын сезбей отура берген экен.

- Үйдө киши барбы? - деген үн угулду.

- Ким бул?

- Калыс деген кыз барбы? - дегенде Калыс тура калып, босогого жетти.

- Сиз кимсиз?

- Мени Кеңешбай аба жиберди эле, издеп жүрөм.

- Калыс деген мен, айта бериңиз.

- Бул сизге, кат менен акча.

- Рахмат, - деп Калыс кубанганынан көзүнө жаш тегерене туруп калды.

- Менин атым Калыбек, таанышып алалы, - деп жылмайды жигит. - Мен силердин тууганыңар болом.

- Жакшы, менин атымды билет экенсиз.

- Ооба, мен мединститутта экинчи курста окуйм.

- Жакшы.

- Жалгыз жашайсыңбы?

- Жо-ок, кыздар бар.

- Мындан ары тааныш болуп жүрөлү ээ?

- Макул.

- Болуптур, мен барайын анда.

- Нан ооз тийиңизчи, - деп Калыс текчедеги нандан алып келип, ооз тийгизди. - Макул анда, жакшы барыңыз.

- Көрүшкөнчө, - деп Калыбек жылмая карап коюп жөнөп кетти. Калыс узата карап кала берди. "Тууган болсо мен жөнүндө билет тура, күлүп койгону эмнеси, мазактаганыбы?" - деп Калыбекти жек көрүп кетти. Колундагы конвертти ачып, катты алып окуду. "Кызым, ден-соолугуң кандай, окууң жакшыбы, кыйналган жоксуңбу? Биз сени калкалап кала албадык, айла канча, аман болсоң бүт унутасың, кудай бак берсе үй-бүлө күтөсүң. Бизди кечир, кызым, колубуздан келгенин берип ийдик. Аман жүр, айланайын, бетиңден өөп, атаң, апаң", - деп коюптур. "Муну дагы бирөөгө жаздырган экен", - деп ойлоп алды. Жыйырма беш сом экен, бул акча менен бир ай жашаса болот. "Байкуштарым, картайып калсаңар дагы мени ойлоносуңар, силердин колуңарда болгонумда ушул азапты тартмак эмесмин, ушундан көрө төрөлбөй же төрөлөөрүм менен өлүп калсам эмне", - деп ойлонуп отуруп, ыйлап да алды.

Иш башталгандан тартып шымалана ишке киришти.

- Мирсаидге эмне болду экен? - деп сурады бир күнү Нуржанат.

- Билбейм, ал жөнүндө ойлоого да убактым жок.

- Койчу, Калыс, айтпаганың менен сары санаа болгонуң көрүнүп эле турат, бир нерсе болгон го, болбосо келмек.

- Унутчу аны, ишиңди кыл, - деп Калыс калп эле жайдарылана күлүп койду.

- Келип калса кубанганыңдан ыйлап ийет чыгаарсың.

- Болдучу, - деп тултуюп калды эле Нуржанат:

- Койдум эми, колуктунун курбусу болсом деп аябай эңседим эле, келип калаар, - деди өзүнчө улутунуп.

- Ишти бүлдүрөсүң.

- Кечир, - деген Нуржанат Калысты карап жылмайып койду да, ийинин куушура ишине киришти. Кечке маал экөө ээрчишип жатаканага жөнөштү, жолдон Калыс майда-барат алды. Экөө көтөрүп алып келсе эшиктин алдында аларды Мирсаид күтүп туруптур.

- Оо, кандайсыңар, кыздар? - Күлүп-жайнап учураша Калысты саамга кучактап туруп калды. - Сагындым сени, Калыс.

- Мен дагы, - деп Калыс шыбырай жооп кылды.

- Ээ-эй, сүйүшкөндөр, киргиле үйгө, - деди Нуржанат эшикти ачып. - Үйгө кирип, калган сагынычыңарды таратып, шашпай сүйлөшкүлө.

- Рахмат, Нуржанат. Кечиккениме капа болдуңбу, Калыс? Кечир мени, бир аз иштер болуп калды.

- Кыскасы келдиң да, - деп жалжылдай карады Калыс.

- Келгиле, чай-пай ичип алалы, курсак курулдап жатат, - деп Нуржанат айтканда күлүп келип, чакан үстөлгө отурушту. - Деги менин курбумду унутуп калган жоксуңбу?

- Жок-жок, унутмак турсун саат сайын эстеп, карааны көзүмөн учту го, - деп күлүп калды. Үчөө аркы-беркини сүйлөшүп тамактанышты да, көчөгө чыгышты. Аллеяда кетип баратканда Мирсаид эки кызга балмуздак алып берди, анан парк аралап, кечки Фрунзенин кооздугуна суктанып басып жүрүштү, киного киришти. Кеч келип, өз-өз ордуна жаткандан кийин баягы адатын карматып, Нуржанат эбиреп кирди.

- Ой, тобо-о, бүгүн эстедик эле, келип калганын кара, менин деги бирдемени билип койо турган касиетим бар, билдиңби, ыя?

- Билдим, - деди Калыс күлүп.

- Абдан сагынышкан чыгаарсыңар?

- Айтпа.

- Качан алып кетет экен?

- Сени менен жүрдүк го, жашыруун сүйлөшкөн жокпуз.

- Аа-а, кечир, силерди ээн-эркин койбой эле ээрчип алганымды кара, сагынышып калган эки жашты сүйлөштүрбөй койгон экенмин да.

- Койчу ай, сенден жашырып эмнени сүйлөшмөк элек, анын сырын жакшы билесиң го, айта турганын ким болсо ошол болсун ачык айтат.

- Билем, бирок жашыруун сөз болушу мүмкүн эле, - деп Нуржанат Калысты сынай карады.

- Нуржанат, ал жашырса дагы мен жашырбайм сенден.

- Рахмат, курбум, биздин дагы убакыттар аз калды окшойт. Эртеби-кечпи сен дагы кетесиң, бирге жүргөн күндөр гана эсте калат, биздин жаштыгыбыздын элестери, баскан жолдорубуз, күлгөн жакшы мүнөттөрүбүз калат. Келерки жылы окууга тапшырып өтүп калсам, кайрадан жатаканада жашайм.

- Кой эми, кайгырба, мен эми эле кетип жаткан жокмун, - деп Калыс кайра күлүп калды.

- Баары бир, улгаябыз биз дагы, тагдыр буйруган тарапка кетүүгө туура келет, бөлүнүп кетебиз…

- Жашоо ошонусу менен кызык экен, курбум.

- Түшүнөм дечи, бирок жаштыктын тез эле өтүп кетишин каалабайм.

- Каала-каалаба баары бир өз өкүмүн жүргүзчү тагдыр деген сыноо бар, башкысы ошол сыноодон тайгаланбай өтүшүбүз керек. Токтоолук, туруктуулук, кечиримдүүлүк менен мээримдүүлүк көп нерседен сактап калат, биз кечиримдүү болууну эч качан унутпашыбыз керек.

- Жез кемпирдей эле барсың, курбум.

- Деги айтпа, мен сага акыл айтканым жок, сен менден үйрөнө турган кыз эмессиң, менден акылдуу, менден сулуу кызсың, Нуржан. - Эки кыз көпкө чейин сүйлөшүп жатты. Бир убакта Нуржанат:

- Чынында сага жетиш кыйын, көп жашап койгондойсуң, көптү көргөндөй токтоосуң, чынында көп жагынан мен сендей боло албайм, - деп Калыстын уктап калганын сезбей кобурай берди. Башын көтөрүп, - Калыс, сен мени угуп жатасыңбы? - деди эле үн-сөз жок, эңкейип караса бышылдап уктап атат. Өзүнчө улутуна ары карап жатып алды. Эртеси кыздар жумушка кеткенде Мирсаид келип таппай калды. Коңшу кыздан сурап билмек болду:

- Чоң кыз, мында жашаган кыздар сабактан келише элекпи?

- Кимдерди сурайсыз?

- Нуржанат менен Калыс.

- Алар окубайт, камвольныйда иштешет.

- Аа-а, - деп Мирсаид ойлонуп калды, - демек окуйм дегени жалган экен да. - Өзү менен өзү сүйлөшө ары-бери басып күтүп калды. - Кыздардын көбү жалган айтаарын билчүмүн, бирок Калыстан күткөн эмес экенмин, - деп башын чайкай көпкө күтүп турду.

Кечке маал эки кыз жумуштан келди, Мирсаид аларга укканын айтпады.

- Кандайсыңар, кыздар?

- Жакшы. - Экөө жарыша жооп кылды.

- Көпкө күттүңбү? - деп Калыс аста сурады.

- Ооба, түштө келгем.

- Кечир, жумуштан кеч чыгып калдык.

- Сабакты таштагансыңбы? - Мирсаид Калысты суроолуу карады.

- Аа-а…

- Ооба-ооба, окуш үчүн көп каражат керек экен, анан таштоого туура келди, - деп Нуржанат жооп берип койду.

- Жаман болуптур.

- Кир үйгө.

- Жок-жок, Калыс, мүмкүн болсо бир аз сүйлөшсөк кантет?

- Макул.

- Жүрү, мындай чыгалы, - дегенде Калыс унчукпай кошо басты.

- Кандай сөз?

- Калыс, мен үйдөгүлөр менен сүйлөшүп камынтып койдум, бизди күтүп жатышат.

- Качан?

- Бүгүн жолго чыгышыбыз керек, жол алыс.

- Мен…

- Эмне, бир иш барбы?

- Жо-жок, айлыкты эртең берет, алып алсамбы дедим эле…

- Келгенде аласың, мен баарын дайындап койгом, машина күтүп калды, - деп жер тиктеген кызды ээгинен тарта өзүнө каратты. - Каршы эмессиңби?

- Жок-жок…

- Кийинип чык, жөнөшүбүз керек, Калыс.

- Макул, мен азыр, - деп Калыс жүгүрүп бөлмөсүнө кирди. - Нуржанат, мен эми эмне кылам? - деп кийимдерин чачып жатты.

- Сага эмне болду?

- Мир, Мир азыр алып кетем дейт.

- Азырбы?

- Ооба, менин дурусураак көйнөгүм дагы жок, эми кантем?

- Кийимден таанымак беле, алдагы көйнөктөрүң деле жакшы жарашат, - деп Нуржанат делдейе туруп калды. - Мен сени менен бирге барайынбы?

- Өзүң бил, мен кийимимдин жупунусунан уялып жатам.

- Менде бир көйнөк бар, аны мен кийген эмесмин, курбума ошону белек катары, турмушка чыгып жатканын куттуктап берсем болоор, - деп Нуржанат өз чемоданын аңтарып, жашыл түстүү жаңы модада тигилген көйнөк алып чыкты. - Бул сага жагат деп ойлойм, кана, кийип көрчү.

- Ай-ий, жакты, рахмат, курбум, - деп Калыс кийип көрүп, ары жак-бери жагын каранып, чачын оңдоп түйүп, бутуна туфлисин кийди да, Нуржанатка кайрылды.

- Жарашабы, ыя?

- Со-онун жарашты, тим эле манекеншица болуп калдың.

- Ыраспы, курбум? - Калыс курбусун жадырай карады.

- Ырас айтам, мени кара эми, мен дагы кийимимди сынатайын, жарашат бекен? - Койкоңдой ары-бери басты.

- Жакшы жарашты, эми чачыңды ирээтке келтирсең эле койкоюп каласың, - деп эки кыз бири-бирин сынап жатканда эшик такылдады.

- Мына, биз даярбыз!

- Бол эрте, кеч кирип кетет.

Алар чыкканда Мирсаид аларды көрүп, селдейип туруп калды да:

- Силер жөн эле укмушсуңар го ыя, бириңен бириң өтүп, супсулуу болуп калыпсыңар, - деп күлүп калды.

- Кеттикпи, Мир, Нуржанат менин курбум эмеспи, ошол үчүн мени менен бирге барат.

- Жарайт, абдан жакшы болот, - деди Мирсаид.

Алар тез эле такси токтогон жерге келишти, күткөн такси башка бир жакка кетип калыптыр. Ошко чейин кайра башкасын жалдап, жолго чыгышты, аңгыча эки дос баласы келип калып, чогуу жөнөштү. Калысты Мирсаиддин ата-энеси, туугандары жакшы маанай менен тосуп алышты. Кайненеси аппак жоолугун салып, көшөгөгө алып кирип отургузганда да байкуш кыздын жүрөгү элеп-желеп болуп турду. Алдыда чоң сыноо тургандай жан дүйнөсү сыздап, үшүгөн койондой бүрүшүп, эмне кылаар айласын таппай отурду. "Эми эмне деп айтам, чындыкты айтсам эмне болот, неге мурун айтпадың дейт го, неге макул болдум экен? Өз тагдырым менен өзүм күрөшүп, сынап көрөйүн дебедимби, түндө сыртка чыгарып койсо канттим? Нуржанат баарына айтат го, ай кудай ай, канттим эми?" - деп миң түрлүү санаа менен отурганда келин көргөн аялдар кирип-чыгып, жанына майда кыздар отуруп калышты.

- Айла-анайын десе, түстүүдөн түңүлбө деген, Марат жакшы жигит, бактылуу болгула, балам, - деп кары кемпир жоолук салды. Баары Мирсаидди Марат дешет экен, ошентип биз мындан ары Мирсаидди Марат деп улантабыз.

- Бактылуу болсун, айланайын, жаштар азыр окуп-чокуп жүрүп эле өз теңин таап калбадыбы?

- Ооба десең, кыз бечара ыргыткан таш тура, пешенесине буйруган жердин бүлөсү болот экен.

- Анан эмне, кыздын бараар жери күйөө деп ошон үчүн айтат да, туулуп-өскөн жерин, алчаңдатып баккан ата-энесин таштап, бөтөн жер, бөлөк элге бүлө болуп, өз элин табат, - дешип жабыраган аялдар дасторкон четинде чайдан ууртап коюп, узун сөзгө киришти. Бул убакыттар, бул мүнөттөр Калыс үчүн кылымга айлангансып Мараттын өзүнө ачууланып бир нече сааттан кийин эле үйдөн жетелеп чыгарып койгонун элестетип жатты. Бир убакта топурашып Мараттын классташтары келди аялдары менен, ал кезде кемпир-кесек башка бөлмөгө чыгып кеткен.

- Бактылуу болгула, - деп үч аяшы жоолук салып, бетинен өпкөн соң төрдөн орун алышты.

- Аяш, кабагыңыз капалуудай, неге минтип отурасыз, кыздар үчүн бул күн кандай гана бактылуу күн болоорун сезе элек окшойсуз? - деди классташтарынын бири.

- Ошону айтсаң, кыз деген аттан бир аз сааттан кийин эле келин деген атка өтөсүңөр, бул кыздар үчүн чоң майрам болсо керек? - деп бири аны кубаттады. Алардын сөзү Калыстын жүрөгүнө жүзүнчү мык каккандай эле болуп катуу тийип жатты.

- Койчу ай, уялтпагылачы аяшты, - деди аялы аны тыйып. - Тим эле өзүңөрдү укмуш сезесиңер, кыз байкушту ушинтип кордобогула да.

- Кордосок алып жүрөт белек, ошол түнүңөр үчүн силерди өмүр бою колубузга көтөрүп жүрөбүз го? - деди Калыбек дегени.

- Кой, андан көрө эки жашка бак-таалай каалап койбойлубу!

- Туура, Марат менен Калыстын кармашкан колдору бөлүнбөй, түбөлүк бирге бактылуу өмүр сүрүшсүн!

- Рахмат, достор, мен жер жүзүн кыдырбасам да, Кыргызстанды кыдырып Калысты издеп таптым, - деп Марат жүзүнөн бакыттын нуру төгүлө бактысына ыраазы болуп теңтуштарын карады.

- Ийе, Марат, курбусу деле суктанарлык экен, кетирбей эле алып калбайлыбы? - деди бойдок досу Эмилбек.

- Койсоңорчу, конок кызга тийишпегиле.

- Эмне экен, курбусуна жакын түшкөндү жактырбайт бекен, элдей эле эки көз, эки каш, бир мурунум, бир оозум бар, кызга ылайык эмесминби? - деп Эмилбек купшуңдай Нуржанатты карап койду.

- Кечигип калдыңыздар го, болбосо дароо макул болмокмун, - деди Нуржанат ага жооп кыла күлүмсүрөй. - Жигитим бар эле, шашылыш болбогондо күйөө жолдош кылып ала келмекмин, - деди Эмилбекти жактырбаганын билдире. Анткени ал мурду куш тумшук, тиштери бир аз орсок келип, көздөрү бүтүгүй жигит экен. Ошондон улам: "Ушул менин күйөөм болуп калабы, тезирээк эле кетсем экен, жакшынакай неме болсо үндөбөй калып калмакмын", - деп оюнда коркуп кетти.

- Күйөөгө тийе элек болсоң болду, чоң кыз, кыздын бараар жери күйөө деп киргизип алсак кандай болот? - деп ого бетер тийишип калды Эмилбек. Ошентип түн бир оокумга чейин эчкинин эти бышканча шаракташып отуруп, анан кетишти. Марат ээндеп калган келинчегинин жанына келип отурду.

- Калыс, бактылуусуңбу, жаным?

- Аябай, бирок сага ушул кезге чейин бир нерсени айта албай келдим, - деди Калыс муңая. - Менин сөзүмдү укчу…

- Бүгүн менин чексиз бактылуу болуп турган кезим.

- Мир…

- Сүйлөбө, мен сени сүйөм.

- Мир.

- Сен меникисиң, жаным, бүгүн башка сөздү кой, мен сенин жанымда отурганыңа, үлпүлдөгөн жоолук жарашып көшөгөдө жүрөк толкутуп мени күтүп жатканыңа ыраазымын! - деп колдорунан кармай чалкасынан кызды жыгып, үстүнө коомай жатты. - Сен меникисиң, Калыс, - деп шыбырады. Ошол убакта эшик ачылып, бирөөнүн келе жаткан дабышы угулду. - Жеңем келе жатат, экөөбүзгө төшөк салат, - деп өөп коюп өйдө болду Марат.

- Тура койгула, салт боюнча төшөк салып берейин, - деп Шааркан жеңеси күлүмсүрөй кирип келди. - Көрүндүк алайын.

- Көрүндүк сизден айлансын, жеңе, - деп Марат күлө караганда Калыстын жети өмүрү жерге кирип, көзүн ала кача жер карады. Марат анысын уялып жаткандай кабыл алды.

- Бактылуу болгула, биринчи түн экөөңөрдү ылайым ажырагыс кылсын, - деп коюп Шааркан чыгып кетти. Марат жарыкты өчүрүп келип, Калысты кучагына кысып:

- Алтыным, ушул күндү кандай гана күтпөдүм дейсиң. Өзүм каалаган адамым менен ырахатка бөлөнүп жашоонун алгачкы кадамын бирге таштасам деген асыл максаттарымдын бири болчу, - деп адегенде кумарлана өөп алды. Анан кийимин чечип жатып, кыздын калч-калч эте титирегенин көрүп, - Калыс, сен эмне, коркуп жатасыңбы? - деп сурады.

- Жо-ок, - деп зорго шыбырады Калыс. Үн катпай калтырагы күчөгөндөн күчөп бүрүшө баштаганда Марат аны койо берип, өзү чечинди да, жанына жатып, аста кучактап моюн-башынан өпкүлөп жоошутмак болду. Ал ушул азыр кыздын эмнеге коркуп турганын сезген жок, эч нерсе көрө элек неме коркуп жатса керек деп ойлоп, сылап-сыйпап эркектин колуна денесин көндүрмөк болду оюнда. Бирок Калыстын алдында чоң жоопкерчилик турганын, ага эмне деп жооп берээрин билбей ушул саатта өзүн бир кезде өлтүрүп койбогонуна, чымындай жанын эбак кыйбаганына өкүнүп жатканын сезбеди. Бир кезде Марат аста гана өз милдетин өтөөгө киришти, көзүн жумуп алган кыз айтаарга жооп издеп жатты. Беш мүнөткө жетпей эле Марат чалкасынан түшүп жатып калды, үндөгөн жок. Аялдын амалы кырк эшекке жүк деген сөз бекер жерден айтылган эмес го, анын суроо берээрин билип турду, солк этпеди, бүткөн бою сенек болуп калган өңдүү жата берди.

- Калыс, - деди Марат бир топтон кийин.

- Ийи.

- Эмнеге кыз эмессиң?

- Ошондой…

- Эмнеге ошондой, бул мени шылдыңдаганыңбы?

- Шылдыңдабай эле.

- Анан эмнеге жооп бербейсиң?

- Эмне деп жооп бермек элем, - деп Калыс ийиндерин солкулдата ыйлай баштады. - Мени ушундай абалда каласың дешкен.

- Ким?

- Врачтар.

- Түшүнбөдүм.

- Кээде кыздар кыздыгы жок төрөлүп калат экен, бирок андай чанда болот…

- Калп! - Марат башын өйдө көтөрүп Калыстын жүзүнө үңүлдү. Терезеден түшкөн айдын жарыгында ачуулуу көздөрү даана көрүндү. - Ушинтип жооп берип кутулам деп, эчтеке айткың келген эмес го, мени ишенет деп турасыңбы?

- Ишенбесең врачтардан сурап көр.

- Баары бир ишенбейм. Мен сени эч кимдин колу тийбеген таза кыз деп ойлодум эле, ал тилегим таш капты. Эми эртең жеңелериме эмне деп жооп берем, эмнеге бир ооз чындыкты айткан жоксуң?

- Сени катуу сүйөм, ошондуктан сени жоготуп аламбы деп корктум, түшүнөт деп ойлодум, - деп Калыс көз жашын көлдөтүп жатты.

- Сүйгөн киши аяйт, мени кандай акыбалга калтырганыңды билесиңби? Эркек колу тийбеген акактай таза кыз алдым деп, жүзүм жарык болуп турганда мени өлтүрдүң, азыр сени жетелеп чыгарып койсом да жарашмак, - деп оор улутунуп алып кийинип, сыртка чыгып кетти. Калыс буркурап ыйлап жатты, анын үнү төрт дубалдын ортосуна камалып, эч ким уккан жок, төшөккө башын катып алып, солкулдап ыйлай берди. Канча убакыт өткөнүн ким билсин, бир убакта Марат кирип, ордуна жатты. Бул жолу ал Калысты имере кучактагандын ордуна улам үшкүрүнө үнсүз жатты да, ары карап кетти.

- Менин сени сүйөөрүмө ишенбесең өзүң бил, Мир. Сенден айрылуудан корккон элем, мени түшүнөт деп ойлогом, жаңылган экенмин, мени кечир. Эч кимге көрүнбөй кетип калайын, кош бол, - деген Калыс ыйлап отуруп кийимин кийип, сумкасын илинген жерден алды да, босогого жеткенде Маратты бир карап алып каалганы акырын ачып, сыртка чыкты. Кайда барып, кандай кетээрин билбей дарбазасын ачып, көчөгө чыкты. Кыбыр эткен жан жок, анда-санда ар кай жактан арсылдап үргөн иттердин үнү угулганы менен айыл ичи тыптынч. Саамга эки жагын карап туруп, анан башы оогон жакка жөнөгөндө артынан чыккан Марат аны кармап калды.

- Кайда барасың, эртең жарыкта кет, - деп жетелеп үйгө алып кирди. - Кеткенде кайда барасың, айтчы, тигил үйдө Нуржанат уктап жатат, ага эмне деп айтам? Өз каалоосу менен келип, кайра качып кетиптир дейинби, же сени кетирип туруп, Нуржанатка үйлөнүп алайынбы?

- Өз каалаганыңды жаса, Мир.

- Сен антип мени күйгүзбө, сени сүйгөмүн, ырас. Жанымдан артык сүйөм, билсең. Неге, неге таза эмессиң?! - деп үнүн пас чыгара жер муштап алды. - Сен менден бир нерсени жашырып жатасың.

- Жашырган жокмун, - деп Калыс баятан бери ыйлай берип көз жашы соолугандай мелтейе үн катты.

- Ай уш-шу!

- Менин кеткеним дурустур…

- Менден айрылгың келбей абийириң булганганын жашырганың кайсы, мен сени кет деп кубалай элекмин. Илгери алганы кыз болбой калса сабап төркүнүнө жеткирген, жеңесин алып жаткан, уктуңбу салтты, сенин эч кимиң болбосо кантем, ыя? - Марат жиндене жер муштагылап жатты.

- Эмне кыл дейсиң?

- Эртең жоопту өзүм берем, сен жашап жүргөнбүз деп айтасың, уктуңбу мени?

- Эмнеге, андан көрө ачык айт, болбосо кетип калайын, арманымды жүрөгүмө катып, өмүр бою өз тагдырымдын азабын өзүм тартып жүрүп өтөөрмүн…

- Болду, - деди Марат жумшара, - мен түшүнөм сени, элге ачыгын айтышыбыз керек, болбосо шейшепти бир нерсе…

- Мир, мени кечир, врачтардан укканымды сага айтышым керек болчу, балким экөөбүз тең чогуу барсак сен ишенет белең.

- Ишендим, - деп Марат ойлуу отуруп калды. Жанараак Калыстын калтырап-титирегенин эстеп: "Балким ошондойдур, коркуп калтырап жатпадыбы, кыз эмес төрөлгөнү чын болсо керек. Баары бир сурап көрүшүм керек, оболу бүгүнкү түнгө жооп таап алайынчы", - деди да, терезеден лезвие алып келди. Үстүңкү жуурканды силкип таштап, бүрүшүп отурган Калысты колунан тартып тургузуп, өзүнүн бармагын тилип, канын шейшепке тамчылатып, ары жылды.

- Бул эмне кылганың? - деп Калыс аны таңдана карады.

- Салт деген салт, эртең менен жеңелерим кирет, ошондо экөөбүздүн берген жообубуз ушул болот, - деген Марат Калысты колтуктап келип төшөккө жаткырды. Бардык ишти ичине катып, эртең менен күлүп-жайнап туруп келди. Жүрөк түбүндөгү өкүнүчүн сыртка чыгарбады.

- Келиниңиз эркек тууду, жеңе, - деп аңгыча эле Шааркандын үнү чыкканда Калыстын башы жерге кире түшүп, жүрөгү миң жеринен тилингендей зырп этип алды. "Кудай ай, эмне кылып койдум, эртеби-кечпи чындыгы билинип калса Мир мени өлтүрөт го, ансыз дагы кебез менен мууздап тирүүлөй өлтүрдү", - деп ойлонуп алды.

- Болсун, айланайын, болсун, сүйүнчүңө бир кой ал, садага, - деп Мараттын апасы Давлеткан алдастай кубанычтан маңдайы жарыла үйгө кирди. - Айланайын, кудай бак-дөөлөт берсин, ылайым бактылуу болгула, - деп келип, Калыстын бетинен өөп, кубана дасторкон жайдырды. - Келиндин келген күнкүсү дейт, келиним ачка болуп калбасын, тамак бергиле.

- Ооба, ошентейин, түсү ийгиден түңүлбө дегендей келиниң өңдүү-түстүү экен, бактылуу эле болушсун. Экөө эгиз козудай болуп дегеле жарашып калат экен, Марат өзү дагы сүрөттөй бала да, айланайын, - деп Давлеттин абысыны Аксейил дасторкон четинде жетине албай кобурап отурду.

- Ооба, ооба десең, Маратка өз айлыбыздан кыз жакпай анан ушу келинди алып келди да, - деди коңшусу Саадат. Анткени Давлет экөө абдан ынак коңшу, үч-төрт жаш кичүү кызын келин кылып алам дегенде Марат болбой койгон эле. - Жаштар ошентип өз билгенин жасап калбадыбы?

- Мейли, өз билгенин жасаса дагы өзүнө жакканын алып келди, келиним өзүмө жакты, кагылайын, - деди Давлеткан чечекейи чеч боло жадырап-жайнап. Ошол убакта Калыс: "Ушундай ак пейил адамдарга таза бойдон неге келбедим, убалым уктатпасын, Эрмекбай, мени жарыкка чыгаргандан көрө өлтүрүп койбойт белең, ата деген ат урсун", - деп ичтен сыздап, атасын каргап-шилеп жатты.

Марат эшикте ары-бери басып ойлонуп туруп, өз намысын коргоого өзүнө-өзү сөз берди. "Мен Калысты өзүм сүйдүм, кыздыгы мага миң күндөп туруп бермек беле, бактылуу болсок болду", - деген чечимге келди акыры.

- Уул, сен шаардан чүрөктөй кыз алып келип, жеңемди кубанычка бөлөдүң, - деп Шааркан күлө тамашалап калды. - Эмнеге эле үйлөнбөйт десе сүйгөн кызың сулуу турбайбы, тиги Гүлзар бечарага кыйын болду го, сени күтүп, жуучуларга макул болбой жатты эле.

- Койчу, жеңе, мен ага сөз берген эмесмин.

- Баары бир жүрөк дегенди башкаруу кыйын да.

- Менин жүрөгүм аны каалаган эмес.

- Мейли эми, өзүң бил, Гүлзар түндө ыйлап шаарга кетип калыптыр.

- Жумушу бардыр.

- Кайдагы жумуш, сенин үйлөнгөнүңдү угуп эле кетип калыптыр.

- Кызык, мен ага сөз бербесем, же сүйлөшпөсөм, эмнеге антет?

- Ким билет, сени катуу сүйүп калса керек, сүрөтүңдү блокнотуна катып алыптыр дейт.

- Ким көрүптүр?

- Менин кызым Сайрагүл, экөө теңтуш эмес беле?

- Болсо болот да, жеңе, сүрөттү да мен берген эмесмин.

Үч-төрт күн айыл-ападагылар келин көрүп келип жатышты. Давлеттин дагы каттоосу көп болгондуктан келим-кетими үзүлбөй Марат кете албай жатты. Нуржанатты үйлөнгөндүн эртеси ишинен калбасын деп, жакшылап коноктоп, кийит-кече кийгизип, узатып коюшкан. Давлеткан келинин кетиргиси келбей:

- Балам, Калысты менин жаныма эле коюп кой, эрмектешип отура беребиз, - деди.

- Макул, апа, калса калсын, мен окуума бара берейин.

- Ошент, садага, карындашың да окуп кеч келет, баарыңар кетип калсаңар мен соксоюп кала берет экенмин.

- Кантип, таштап коймок белек, апа, окуумду бүтүп алсам эле жаныңызда болом, - деп Марат апасын жылмая карады.

- Силердин амандыгыңар менин бактым, эми кудай буйруп балалуу болсоңор неберемди жыттап оңуп калайын, - деди Давлеткан чын дилден энелик мээримин төгө. Калыс өзүн күнөөлүү сезип жер карады. Эртеси Марат Фрунзеге жол тартты. Калыс кайненесине жумуш жасатпай, шыпылдап баарын өзү жасап, кир-когун жууп, керээлден кечке тыным албайт. Марат шаарга бараары менен Давлетке өзүнчө, Калыска өзүнчө кат жазыптыр. Убакыт өтүп жазган каттары өтө сейрек, супсак жазылчу болду, бат эле убакыт өтүп, Калыс кыз төрөп алды. Марат кубана Калыска гүл көтөрүп, төрөтканага келди.

- Куттуктайм! - деди араң ичин басып келген Калысты эки бетинен өөп.

- Рахмат, өзүңдү дагы куттуктайм, балалуу болушуң менен, - деп жылмайып койду Калыс.

- Баары үчүн сага рахмат, мени кырк жылкылуу кылганыңа ыраазымын.

- Аман болсун.

- Өзүң кандай, жакшы элесиңби, кыйналган жоксуңбу?

- Жок, анча-мынча болот экен да, эки күндөн кийин чыгам, сен качан кетесиң?

- Бир жумадай болом го.

- Ийи.

- Кызымды көрсөм болобу?

- Азыр он-он беш мүнөттөн кийин эмизгени алып келет балдарды, күтөсүңбү?

- Сөзсүз күтөм, кызымдын атын ким койобуз?

- Апам билсин.

- Макул, Айжандар менен кеңешебиз ээ, сен кирип, баланы алып чык эми.

- Макул, - деп Калыс гүл менен баштыкты алып ичкери кирди, анан бир топтон кийин наристесин көтөрүп келди. Марат колунан ала коюп, бир саамга сонуркай карап туруп чекесинен өптү.

- Калыс, сага эле окшош экен ээ?

- Апам сага окшош деди го?

- Жо-ок, сенин эле өзүң болот кийин.

- Кимге окшош болсо дагы аман болсун.

- Ооба, чоңойо берсин, - деп Марат келинчегин кучактап өптү. - Алтыным, сен мага капа болбо, - деди кучагына кысып.

- Рахмат, сенин алдыңда менин төө көтөргүс күнөөм бар, сенин чечкиндүүлүгүңө, мага болгон сүйүүңө ыраазымын!

- Антпе, алтыным, мен сага ыраазымын, мени минтип кыздуу кылып, апамды неберелүү кылып, кубанычка бөлөп отурасың. Буйруса келерки жылы окуумду бүтсөм биякка келем.

- Өзүң бил, шартыңа кара, ылайыгы менен бол, мен апам, кызым болуп сени күтүп, амандыгыңды тилеп жашай беребиз, - деп Калыс муңая улутунуп койду.

- Улутунба, - деп Марат Калысты мурдунан чымчый эркелетип койду да, палатасына кирип кеткиче карап турду. Үйүнө келсе апасы жентекке деп боорсок жасап, эчки сойдуруп жатыптыр. Марат келип эле жардам берди.

- Аке, жеңем сизди аябай сүйөт го? - деди карындашы Айжан күлүмсүрөй карап.

- Акеңе андай деп айтууга ким уруксат берди, шайтан кыз?

- Кечириң.

- Болуптур эми, сиңдиңди жакшылап караш, макулбу?

- Өзүм эле багам да.

- Азамат, окууларың кандай?

- Эң сонун, эки жылдан кийин буйруса мугалим болуп калам, - деди Айжан кубанычтуу.

- Ийгилик каалайм.

- Рахмат, аке, кызыңыздын атын ким койосуз?

- Апам экөөңөр койосуңар да.

- Анда-а... - Айжан оозун чормойто ойлонуп калды. - Чолпонай койсок кандай болот?

- Апама жакса койо бергиле.

- Азыр, апама айтып келе калайын, - деп ичкери кирип кетти, бир аздан кийин кайра келип, - Апам Мырзагүл деп койобуз дейт го? - деди.

- Мырзагүл?! - Мир аны карап туруп калды.

- Эмнеге чочуп кеттиңиз?

- Ыя, чочуганым жок, эмнеге чочумак элем, жакшы ат экен, - деп ыңгайсыздана отуруп: "Кызык, унутууга аракет кылып жүрсө, ал менин жашоомдо кайрадан жашай турган болду", - деп ойлонуп алды.

Аңгыча Давлеткан кирди.

- Садага болоюн, жолдо чарчап келгендирсиң, куурдак бышса чай ичип алып, эс ал. Биз Айжан экөөбүз Калыска барып келели. Баса тун неберемдин атын Мырзагүл деп койолу деп жатам, жагабы, балам?

- Жагат, эң сонун ат экен.

- Болду анда, мен Калыска айтам.

- Эртең барам мен, экөөңөр эле барып келгиле ээ, апа?

- Ооба, садага, сен тамак ичип алып эс ал, - деп эне куурдагын алып келип, чай куйду. Айжан көп жумуш жасачу эмес, "аталуу арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим" дегендей эне балдарын ойдогудай өстүрүп-чоңойткон.

- Апа, бу кызың күйөөгө чыкса кантип жумуш жасап көнөт, бирдеме жасап үйрөнсө боло? - деди Мир, кирип-чыгып күйпөлөктөп жүргөн апасына боору ооруй, карындашын ээликтеп.

- Апа-а, карачы, менин шылдыңдап жатат.

- Өзү жасап көнөт, балам, менин колумда эркелеп алсын, бөтөн үйдө кайдан эркелемек эле. Кыз эне-атасынын үйүндө конок болот, кагылайын, кудай буйруп жакшы жерге барса, бактылуу болсо эле болду каралдым, силердин бактыңар менин бактым.

- Кам санаба, апа, биз сизди кейитпей багабыз.

- Тилегиңден кагылайын десе, аман-эсен болгула, неберемди багып отурсам эле болду, - деп тамактангандан кийин Айжан менен Давлеткан төрөтканага кетти. Марат жатып алып Мырзагүлдү эстеди...

Анда жаңыдан окууга өтүп, жан дили менен окуп жаткан эле. Бир күнү аудиториядан шашып чыгып баратып, бирөөнү бурулуштан сүзүп алды. Катуу урулганга жай келе жаткан кыз жыгылып түштү, колундагы кагаздары чачылып кетти.

- Көзүңө карап баспайсыңбы? - деп күбүнө туруп кагаздарын жыйнап кирди. - Көзүң барбы же сокурсуңбу? - деп булкулдап сүйлөп жаткан кызды карап тура берди Марат, оозуна сөз кирбеди. - Тилиңди жутуп алдыңбы? - деп кагаздарын жыйнаган кыз аны тикирейе тиктеп калды.

- Ке-кечиресиз…

- Эмне, кыз көрө электей эсиң ооп калды?

- Кечирип кой, чоң кыз, мен шашып келе жаттым эле…

- Кечир деп койот, көзүңдү чоң ачып жүр! - деп коюп басып кетти кыз. Марат анын ичке тулкусун, согончогуна жетип турган жоон өрүм чачын, түптүз буттарын артынан карап: "Сулуу кыз экен, атын сурап калбай", - деп коюп бараткан жагына жөнөдү. Ошондон баштап аудиториядан издегени эле бейтааныш сулуу кыз болуп калды. Бирок кыз көрүнбөй кыйнады. Ошентип кыялындагы кызды издеп жүргөндө сабактан чыгып келе жатып, алыстан ошол кыздын караанын көрүп калса болобу. Артынан акмалап баратып тык токтоду, анткени кыз аппак жигулиге түшүп кеткен. "Күйөөсү бар неме го", - деп делдейе туруп калды. Ошентип аны аңдып жүрө берди, кыязы аны ак жигули күндө алып келип, алып кетет окшойт. Акыры анын окуу жайга жаңыдан орношуп, иштеп жүргөн катчы экенин билди. Көп жолу көрүнбөй аңдып көрдү, бирок ээн учураша албады. Бир күнү келатып, дагы жол боюнда машинаны күтүп турган кызды көрдү. Марат апкаарый аны көздөй басып баратты, бир көргөн адамдын жүрөгүн зырп эттирип сүрдөткөн жамалы бар экен кыздын. Өзүн көздөй келе жаткан жигитти бир карап туруп калды.

- Саламатсызбы? - деди Марат жете келип.

- Саламатчылык.

- Сиз менен таанышып алса болобу?

- Эмнеге? - Кыз аны бутунан башына чейин сыдыра карап, көздөрү жигиттин коюу түндөй капкара каректерине чагылыша түшкөндө тетири карап кетти. - Таанышууга эмне себеп?

- Жөн эле, жагып калдыңыз.

- Окуйсуңбу?

- Ооба, биринчи курс.

- Жаш турбайсыңбы? - деп күлүмсүрөгөндө эки ууртундагы уячасы өзүнө жарашып, көздөрү күлүп тургандай көрүндү.

- Кантип, сиз менден жашсыз го?

- Мен отуздагы аялмын, күйөөм бар, бүгүн кечигип жатат.

- Калп айтасыз, кантип эле, он сегиздеги кызга окшоп турасыз…

- Ооба, баары ошентишет, мен бул окуу жайга жакында эле келип иштеп калдым, үч балам бар, - деп жигитти карап күлүп койду. Марат кызыктай абалда калды, эмне дээрин билбей, башын кашып туруп калды.

- Ишенбей турам.

- Паспортумду көргүң келеби?

- Баары бир ишенбейм, атыңыз ким?

- Мырзагүл, а сеникичи?

- Марат, - деп тигинде келе жаткан ак жигулини карап туруп калды. Ал тушуна келип токтогондо Мырзагүл Маратка:

- Көрүшкөнчө, - деди да, жигулиге отуруп кете берди.

- Жакшы барыңыз, - деген Марат аны караган бойдон: "Кантип эле отузга чыгып кетсин, күйөөсүнөн коркуп жармашат деп эле айткан чыгаар. Негизи өзүнүн сулуулугун билген жан экен, эрте чыгып алган го, же агасы болсо керек, үч балалуумун десе ким ишенет", - деп ойлонуп тура берди.

Ошондон кийин дайыма ошол жерден жолугушчу болду. Качан болсо Марат аны күтүп турган болот, Мырзагүл анысына көнүп дагы бүттү. Экөө кээде отургучка отуруп сүйлөшүп да калат. Ошол акыркы күнү да алар отургучта отурган.

- Марат, - деди Мырзагүл.

- Ийи.

- Сен аялдар менен болгонсуңбу?

- Жок.

- Аа-а, көрдүңбү, жашсың десем мойнуңа албайсың, - деп бир башкача күлүп жиберди. Анын күлкүсү коңгуроодой болуп тунук эле, кадимки хрусталь идиш бири-бирине кагышып кеткендей шыңгыр доош угулду.

- Эмне күлөсүз, чоң эне? - деди Марат да жылмая карап.

- Сенин бала бойдон экениңе.

- Күйөөңүз бир жакка кеткенби?

- Аны эмнеге сурап калдың?

- Сизди алып кеткенге келбей калды.

- Аа-а, аны мен келбе дегем.

- Эмнеге?

- Жөн эле, эркин болгум келди, артыңдан бирөө ээрчип жүрсө, өзүңдү жаман сезет экенсиң.

- Мырзагүл, - деди Марат күтүүсүздөн, - эмнеге мынча калпты көп айтасыз?

- Эмне деп калп айттым?

- Күйөөм бар, үч балам бар, отузга чыктым деп.

- Аа-а, - деген Мырзагүл колундагы сумкасын ачып, ичинен документтерин алып чыкты. - Бул менин туулгандыгым жөнүндө күбөлүк, а бул паспортум, - деди Маратка сунуп.

- Чын элеби?

- Честно пионерский, - деп Мырзагүл күлүп койду. Марат күбөлүктү ачып көрүп, анан паспортун карады, чын эле Мырзагүлдүн сүрөтү жүрөт, ошондо да ишенгиси келбеди.

- А муну балмким жасатып алгандырсыз?

- Эмнеге жасатмак элем?

- Улуу көрүнүш үчүн, көп жигиттер жабышса тажаган чыгарсыз, мен буга дагы ишене албайм, - деп Марат көргүсү келбей документин кайра өзүнө сунду.

- А бул менин мектепти бүткөн аттестатым, - деп Мырзагүл сунган кагазды алгысы келбей ыргылжың боло алып карап көрдү. "Бардык даталары бирдей, демек чын эле болсо керек", - деп ойлоно кайра берди. - Нике кагазымды да көрсөтөйүнбү?

- Күйөөңүздү сүйөсүзбү?

- Ооба, жашаганыбызга он жыл болду, үч балам бар, эң кичүүбүз бир жаш, жүдөп-какап каласыңар деп кайненемдер багып алышкан, - деп Мырзагүл Маратты жылмая карады. - Марат, сүйлөшкөн кызың көрүп калса кызганып жүрбөсүн?

- Менин эч кимим жок.

- Эмнеге, сендей сулуу жигиттин кантип кызы болбосун?

- Жок, мен сиздин жигитиңиз болгум келет.

- Эмне? - Мырзагүл Маратты карап алып каткырып ийди. Марат ызалана жакын жылып отурду.

- Чын айтам, сиз мага жагасыз, атургай көргөн күндөн тартып сүйүп калдым, күн тынчымдан кетип, түн уйкудан калып, сизди гана ойлонуп таң атырчу болдум. Мен сизди сүйөм!

- Марат, - Мырзагүл аны токтоо карады, - мени сүйгөнгө болбойт, мен үй-бүлөлүүмүн, балдарым бар, - деди көздөрүн бакырайта. - Биздин арабыз асман менен жердей, мен эми кетейин, сен окууга кир, - деп капалуудай ордунан турду. Аппак жүзү заматта кара булут каптаган асмандай түнөрө түштү.

- Мырзагүл! - Марат аны кармап калды. - Кетпечи, мен сени азыр үйгө алып кетем!

- Ой, кудайым ай, Марат, андай болушу мүмкүн эмес.

- Эмнеге?

- Болбойт, - деп ары басты.

Ошол убакта Мырзагүлдүн күйөөсү алыстан аңдып турган эле, сыр билгизбей жашырынган жерден чыгып машинасын айдап келип калды. Аны көргөн Мырзагүл токтоп, артка кайрылды. Күйөөсү машинеден түшүп Мараттын жанына келди.

- Жигит, эмне жумушуң бар?

- Кимде?

- Мырзагүлдө.

- Мен аны сүйөм!

- Эмне-е? - Тигил Мырзагүлдү бир, Маратты бир карап туруп калганда Мырзагүл басып келди.

- Эрнис, сүйүүдө эмне айып, бул жаш бала, сен ага жаман айтпа. Мен жигит сүйө турган аял эмесминби, бирок мунун сүйүүсү түбөлүктүү эмес, менин сүйүүм, жашоом сага гана арналган, - деди токтоо. Анан Маратты карап, - Марат, токтоло элек жаш кезде адам кимди гана сүйбөйт, өзүң деле кыздар жүгүрө турган жигит экенсиң. Өмүр жолуңда дагы канчаны сүйбөйсүң, нелерди көрбөйсүң. Менин сага кааларым бийик максат, улуу сүйүүнү багындырган бактылуу адамдардан бол! - деди да, күйөөсүн жылмая карап, колтуктап алды. - Кеттик, жаным.

Алар колтукташа машинеге отуруп, кетип баратты, Марат үнсүз делдиреп карап тура берди. Машина ордунан жылганда Мырзагүл ага жылмая колун булгап коюп узап кетти. Ошондон кийин аны көргөн жок, кийин сураштырса жумуштан чыгып кетиптир. Марат окууга көңүлү келбей өзүн жаман сезип, көз алдынан Мырзагүлдүн элеси кетпей абдан кыйналды. Бир жылдай уктаса түшүнө кирип жүрүп, анан бара-бара өзүн алаксытып калган эле. Бирок көп ойлойт, Калыска жолуккандан бери аны унутууга аракет кылды. Эми кызынын атын Мырзагүл деп атаганда өмүр бою ал ысым жүрөгүндө да, жашоосунда да бирге болоорун аргасыз мойнуна алды...

Ушуларды ойлонуп жатып, уктап баратканда Давлеткан менен Айжан кирди.

- Балакетиңди алайын десе, неберем Айжандын эле өзү экен, эжесине окшош, - деп апасы кубана кобурап кирди.

- Апа, мага окшош эмеспи? - деди Марат.

- Силер бири-бириңе окшошсуңар, коңшулар баарыңар сулуусуңар деп бизге абдан суктанышат.

- Апам сулуу аял, ошондуктан биз апама окшошпуз, - деп калды Айжан эркелей. - Чынбы, апа?

- Ооба, садага, апаң сулуу эмей… - Давлет мулуңдай күлүп калды. Бирок эне өз башынан өткөн бир окуяны, андан эстелик болуп калган кызын эстеди...

Анда Давлет он беште гана болчу. Ошол убакта педучилищага окуганга кыз-балдарды чанда гана жөнөтчү. Давлеттин апасы өлүп калып, атасы башка аял алгандан кийин кызын интернатка тапшырып койгон. Эки-үч айда бир келсе келет, келбесе жок, ошентип сегизинчи классты бүтүп, педучилищага тапшырды. Ал мындайча болгон, интернатка жаңыдан эле бир директор келген. Ал жаш, шыңга бойлуу келишкен жигит болчу, бирок үй-бүлөлүү экен. Давлетканды көрүп эле жактырып калды. Анан аны окууга киргизди, кыздар окуу жайга сейрек келгенинен улам кабыл алынып, окуп калды. Жанболот агайы аны сүйүп жандалбастап ыгын табалбай жүргөндө кыз өзү дагы аны жактырып калды. Атасы такыр кабар албай койгон соң кыздар менен общежитиеде туруп калган. Бир күнү кечке маал Жанболот агайы Давлетканга жолукканы келди.

- Давлет, окууларың кандай?

- Жакшы, агай.

- Давлет, мен сага бир сөз айтсамбы дедим эле.

- Айта бериңиз, агай. - Кыз көздөрүн күлмүңдөтүп кылыктана карады.

- Давлет, мен канчалык жашырсам да чыдай албачудаймын, сени жакшы көрүп калдым…

- Агай, жакшы көрүп калуу күнөө эмес.

- Сен капа болбойсуңбу?

- Жок, сиз мага көп жакшылык кылдыңыз, мен сиздин алдыңызда көп карыздармын.

- Жо-жок, карыздармын дебе, секелегим, сендей сулуу кызды кимдер гана сүйбөйт, жашсың, сулуусуң… - Жанболот башка эч нерсе дей албай туруп калды.

- Агай, - деди ошондо Давлет чечкиндүү, - мен дагы сизди жакшы көрөм!

- Ыя? - деп селдүү карады Жанболот. - Чын айтасыңбы, Давлет?

- Ооба, агай, анын эмнесине тартынасыз, мен жашмын. Бирок сиздин улуу экениңизге карабай үй-бүлөңүздүн бар экенин билсем да баарына кайылмын, агай!!! - дегенде баятан бери өзүн карап турган Жанболот аны шарт бооруна тартып, саамга бекем кысып тура берди…

- Апа, эмнени ойлонуп кеттиңиз? - деген Айжандын үнү аны селт эттирди.

- Эмне болду? - Кайра кызына суроо узатты.

- Унчукпай калдыңыз го?

- Апам эмнени ойлонмок эле, кардым ачты, тамак болсо алып келчи, - деди Марат.

- Бар, мен алып келем, балам, - деп Давлет өзү өйдө болду, ал терең ойго батып, өткөнү капыстан эсине түшкөндө жүрөгү сайгылашып кеткен. Кечки тамактарын ичип, өз-өз орундарына жаткандан кийин башынан өткөндөрү кайрадан кинонун тасмасындай болуп көз алдына тартылды…

Ошондон кийин жаштыгына карабай Жанболот агайы менен жашыруун жолугуп, жүрө баштады. Ал кезде кыздарга өтө кыйын эле, тартипсиз кыздар чанда жолукчу, баланчанын кызы антиптир, минтиптир деген сөз болчу эмес. Кызды салтка ылайык ата-энеси менен сүйлөшүп, кол менен алып кетчү. Давлет атасы карабай койгондон кийин өзүн-өзү билип калган. Жанболот дагы Давлетти катуу сүйүп, андан кете албай байланып жүрө берди. Давлеттин боюнда болуп калды. Ал тургай төрөөр күнү жакындап, Жанболот экөө жашыруун жашап жүргөндө аялы Күмүшай билип калып, Давлеттин жашаган жерин таап алды. Бир күнү үйдө Жанболот экөө эркелешип отурганда эшиктен кирип келсе болобу!

- Эй шерменде, бул жерде эмне кылып жүрөсүң, үйдө балдар турса сен бир шуркуянын жанында отурганың эмнең?

- Күмүш, мени кандай урушсаң да макулмун, Давлетке тил тийгизбе! - деп Жанболот тура калды.

- Ийи, шуркуяңды жаман сөзгө ыраа көрбөй жатасыңбы? - деген Күмүшай Давлетке жетип, чачтан алаарда Жанболот аны колунан бекем кармап калды.

- Болду, жап оозуңду, ага тил тийгизбе, - деди да, эшикке сүйрөп чыгып кетти. Эмне деп сүйлөшкөндөрүн Давлет укпады. Ал күнү кетип калып, Жанболот эртеси келди. Аны көрөөрү менен Давлет мойнуна асылды:

- Келдиңби, эмне деп чечтиңер?

- Келдим, - деп улутуна кызды бооруна кысып, көз жашын үнсүз төгүп турду агайы. - Келдим, берекем, мени кечир…

- Эмне болду, биротоло кетесиңби?

- Ооба.

- Мен эмне кылам? - Давлет Жанболоттун төшүнө башын коюп, солкулдап ыйлап ийди. - Мен эмне кылам?

- Антпесем тажаал аял болбойт, арызданса ишимден кол жууп, сага да кесепетим тийет, ошондуктан экөөбүздүн сүйүүбүздүн данеги болгон ичиңдегини өзүмө бер!

- Эмне-е? - Давлет кетенчиктей берди. - Эмне дедиң?

- Ошондой, Күмүшайдын айтканы ушундай, төрөгөнчө уруксат берди, сенин колуңа калтырбай баланы алып кел дейт, анан сага үй алып бер деди.

- Ошончолук кеңчилик кылдыбы? - деди дендирей отуруп калган Давлет.

- Антпесем мени жумуштан чыгарат, сөгүш алам.

- Мен ойлонуп көрөйүн, - деди алсыз.

- Ошент, алтыным, мени ая, сен жашсың, сулуусуң, берекем, мага өмүр бою кыйын болоор, арга жок…

Давлет ары карап жатып калды, кыжаалат болуп ыйлай берди. Жанболот аны соорото албай далбас урат же жубатарга сөз таппайт. Ошондон он күндөн кийин Давлет кыз төрөдү, кызын көзү тойбой карап: "Жок дегенде бир эсте кала турган белгиси бар болду бекен, бербей койо албайм. Бага албагандан кийин бербей эмне кылам? - деп чечинтип алып, бүт денесин карап чыкты, болгону оң кулагынын арт жагында бармак басым калын көрүп, кубанып кетти. - Болду, мен сени ушунуңдан таап алам, аман бол, садагам, кокус кездешчү күн болсо көрүшөөрбүз", - деп көз жашын сыгып алды. Жети күн жаткандан кийин Жанболот аялы Күмүшай экөө келип, төрөтканадан чыгарып барып, бир бөлмө үйгө киргизди да, кызды алып кетишти. Буркурап боздогон кыз сүйүүсүнөн да, кан-жанынан бүткөн тун кызынан да ажырап кала берди. Ошондо бир бөлмөлүү үй беш миң рубль турчу. Ыйлап-сыктап жүрүп акыры баарына көндү, окуусу калды, эптеп үстүндө үйү бар үчүн ишке орношту. Кийин укса Жанболот үй-бүлөсү менен ошол эле жылы Фрунзеге көчүп кетиптир. Аны укканда дагы бир ыйлап басылды. Атасына барды эле ал күйөөгө берем деп чыкты, дагы таарынып кетип калды. Ошентип жети жыл бой жүрүп, Мараттын атасына жолуккан. Бакир абдан жоош-момун киши болчу. Андан беш балалуу болду, эң улуусу окуп-чокуп жүрүп, орус аял алып, шаарда жашап калды, андан кийинкиси дагы үй-бүлөлүү, эң кичүү эркеги Марат, андан улуусу дагы шаарда. Мараттан кийин Айжан төрөлдү…

Давлет ушунун баарын ойлонуп жатып, көз жашы куюла бергенин сезген эмес, эми гана сыйпалап көрсө жаздыгы суу болуп калыптыр. "Кызым быйыл отуз үчкө чыкты, мени билбейт, байкушум. Канткенде издеп табам, бир көрөөр күнүм бар бекен, жашым элүүгө кирди, али кудай буйруса жашмын, балдарга ачык айтсам бекен? Жанболот ага эч нерсе айтпагандыр, мен жөнүндө кайдан айтсын", - деп ойлонуп алды. Күн чыга туруп, төрөтканага барып, Калысты чыгарып келишти. Кичинекей наристени ар кимиси ала коюп эркелетип жатышты. Бакыракай капкара көздөрүн көрүп, Давлет отуз үч жыл мурунку өзүнүн жаңылыштыгынан болгон окуяны, наристе кызын ойлоп кетти: "Жок дегенде атын билсем эмне, кандай кыз болду экен?" - деп алтымыш тамыры сыздап, жүрөгү зырп этип кетти.

- Ээ, апа, кызыңдын атын Мырзагүл койдуңарбы? - деди Марат күлүмсүрөй.

- Ооба, уулум, небере кызымдын атын Мырзагүл деп койдум, - деген эне мулуңдай наристени жыттады.

- Мага окшош бекен? - Айжан агасын карады.

- Сага окшобойт, кызым өзүмө гана окшошуп турат, сага окшошсо маңка болуп калбайбы? - деди атайын карындашынын жинине тийе.

- Апа-а, карачы балаңды, менин каерим маңка экен, - деп Айжан апасына арыздана кетти.

- Ботом, эми чоңойдуңар го, бириң жыйырмада, бириң жыйырма бешке чыктың, беш-алты жашар баладай чукулдаша бересиңер, - деп Давлет балдарына мээрим төгө карады.

- Кызың эсине кирбейби, күйөөгө тийгенде дагы арызданып сага келеби, апа?

- Ооба, келе берем апама.

- Келе бер, бирок мен барда келбе, күйөөңдү кошуп келсең киргизем.

- Күйөөгө тийбейм, - деп экөө дале чукулдашып, күлүп да калышты.

Калыс бактылуу жылмайып отура берди. Давлет келинин ордунан жылдырбай карап жатты. Бир жума өткөндө Марат кайрадан окуусуна кетти. Ал дагы эле аялына өзүнчө, апасына бир башка кат жазат, Мырзагүл торолуп калса дагы келбей кечигип жатты. Анан эле бир күнү Дилмуратова Давлетке деген жазуусу бар кат келип калды. Ачып көрсө мындай деп жазылыптыр:

"Саламатсызбы, Дилмуратова Давлет, сизди атыңыздан айтканым үчүн мени кечирип коюңуз. Анткени аныгын билбей туруп, "апа" деш мен үчүн оор болуп турат. Мен Жанболоттун кызымын, атым Мырзагүл, мени төрөөрүңүз менен атам алып кетиптир. Отуз жыл бою өз энем деп жүргөн аял өгөй энем экенин билгенимде кандай абалда калганымды айтпаңыз. Мен турмушка чыгып, үч балалуу болгонумда апам өлдү. Жакында атам өлөөр алдында мага укмуштуудай сыр айтты, төрөгөн апаң Күмүшай эмес, Давлеткан деди. Ошону далилдөө үчүн, мени бул жарык дүйнөгө алып келген аялды көрүү үчүн кат жазып отурам. Колуңузга кат тийсе кабар бериңиз, сизге жолугушум керек, - деп Жанболотова Мырзагүл".

Бул катты окуган Давлеттин көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый тоголонуп, колундагы кат жерге түшүп, себелеп турган жаанга суу болуп баратса да эсине эч нерсе келбей тура берди. Калыс терезеден көрүп, жүгүрүп чыкты, ал кайненесин үйгө алып кирди.

- Апа, сизге эмне болду, суу болуп кетипсиз, кудай ай, ооруп калбасаңыз болду, - деп сырткы суу болгон кийимдерин чечип жатканда гана Давлет эсин жыйып:

- Кат, кат кайда калды? - деди жан жагын каранып.

- Кандай кат, апа?

- Чөнтөгүмдү карачы.

- Жок го? - деди Калыс халаттын чөнтөгүн аңтарып карап.

- Эшикти кара.

- Азыр, - Калыс жүгүрүп чыгып, эмеле Давлет турган жерден суу болуп калган кагазды этияттап алды да үйгө кирди. - Суу болуп калыптыр.

- Кургасын, жайып кой, балам.

- Ал эмне болгон кат, апа, Мараттан эмеспи?

- Жо-ок, башка кат, эртең Маратка телеграмма береличи.

- Эмнеге?

- Келбесе болбойт, Нурсейит менен Алсейитти, Гүлжандарды, Маратты чакырталы.

- Тынчылыкпы, апа?

- Тынчылык эле, менин балдарыма айтаарым бар, - деп Давлет оор улутунуп алды, бирок жүзүндө кубаныч турду.

Эртеси почтага барып, балдарына телеграмма берди. Эки күндөн кийин балдары, кыздары келип бапырап отурушту. Айрыкча Марат бул чакырууга абдан таң калды. Жүрөк басып чай ичип, бир аз отургандан кийин улуу баласы Нурсейит:

- Апа, бу бизди кандай иш менен чакырдыңыз, жумуш кычап турган кезде баарыбызды чогултканга эмне себеп болду? - деп сурады Давлеттен.

- Балдарым, силерге айта турган бир сөзүм бар, канча жыл жүрөк өйүгөн арманым, өкүнүчүм бар. Силер таңгалаарсыңар, бул менин жаңылыштыгым эмес, тагдырымдын гана мага таңуулаган белеги.

- Эмне болгон арман экен? - Марат апасын түшүнө бербей карады.

- Атаңардан мурун күйөөгө тийгемин, андан кызым бар эле… - деп Давлет катты Нурсейитке сунду. - Муну окуп, анан мага жооп бергиле, чакырайынбы же тааныбаган бойдон калайынбы, силер айткандай болсун, - деди Давлет башын жерге салып. Анткени менен ал эч качан балдарына баш иймек эмес, алар макул болбой койсо эле ошого көнүп отуруп калмак эмес. Болгону эркиндик берди, тун кызын, болгондо дагы көз ачып көргөн наристесин көрсөм дегенде эки көзү төрт болуп турган.

- Апа, анда биздин эжебиз болот тура! - деди Нурсейит катты окуп болуп.

Анын колунан Марат алды. Баары окуп чыгып, көпкө үн катпай тунжурап калышты.

- Кандай бүтүмгө келдиңер, силер кабыл аласыңарбы же жокпу? - Давлеткан балдарын кыдырата карады.

- Мен макулмун, кирген киреше, чыккан чыгаша, бир туугандын бары жакшы, эжебиздин бары биз үчүн сыймык эле болоор. Аты Мырзагүл экен. Апа, билип туруп эле атайын кызыңды эстеп туруш үчүн Мараттын кызынын атын Мырзагүл койгонсуң го? - деп Нурсейит күлүп калды.

- Мен аны төрөтканадан эле бергемин, атын билген да, укканда эмесмин, кудайдын буйругу менен ошондой болуп калды, балдарым. Анда эртең ушул дарекке телеграмма жөнөткүлө, Фрунзеде жашайт экен, быйыл отуз үчкө чыгат, күйөөсү, бала-чакасы бар экен…

- Болду анда, мен баарыңардын атыңардан телеграмманы жөнөтөйүн, келсе тезирээк келсин, жумуштан калбай биз дагы кетели.

- Ошондой болсун, мен дагы үч күнгө келдим, жумуштан бошошум кыйын, сырттан окуганым дурус болуп, өзүм иштеп жатпайымбы, - деди Марат.

- Апа, - деди Гүлжан апасына эркелей, - үч кыз болуп калат экенбиз да.

- Ооба, садага, ошол кызды көрсөм дегенде эки көзүм төрт эле, эми өзүн эмес үй-бүлөсүн көргөнү турам, - деп Давлет көкүрөгүн кере терең дем алды. Негедир кубанычтан толкунданып, жүзү тамылжый, жүрөгү тез-тез кагып, башкача абалда отурду.

Дал ошол эле күнү телеграмма берип, даярданып калышты. Арадан үч күн өткөндө эшиктин алдына ак волга токтоду. Ичинен келишкен галстук тагынган кырктардагы адам, анын артынан узун бойлуу, чачын артына түйгөн, кийген кийими өзүнө жарашып суйкайган сулуу Мырзагүл ондордогу эркек бала менен жети-сегиздердеги бапыракай көйнөкчөн кызды ээрчитип түштү. Аларды утурлай тосуп келе жаткан Марат тык эле токтоп калды. Баары тосуп алып учурашып жатканда Давлеткан менен Мырзагүл саамга кучакташып туруп калды. Эрнис Маратты көрүп: "Бул кайдан жүрөт, Мырзагүлдү сүйөм деп карыш бастырбай калганда зорго алып калбадым беле?" - деп аны көз айрыбай карап калганда Нурсейит үйгө карай колун жаңсады.

- Үйгө кириңиздер.

- Ооба, киргиле, айланайын, - деп Давлеткан далбастай көз жашын аарчып, бир күлүп, бир ыйлай үйгө карай жөнөдү. Чогуу кирип, төрдөн орун алган соң, - Бул улуу балам Нурсейит, Алсейит, Мирсаид, кыздарым Айжан, Гүлжан, бу тургандар болсо неберелерим, - деп күлмүңдөй Мырзагүл менен күйөө баласына баарын тааныштырды.

- Жакшы, - деди Эрнис. - Мен Марат деп билем бул балаңызды, биз таанышпыз, көрсө тагдыр бизди ошондо эле тааныштырган турбайбы?

- Ооба, бизди бир туугандык сезим жакындаткан экен да, - деп Мырзагүл коштоду. Андан кийин арыдан-бери союш союлуп, конок тосуу башталды. Давлеткан кызы менен отуруп сүйлөшүп отурушту.

- Кандай, кызым, сенден кабар ала албаганым үчүн кечир мени, анткени мен сени атаңдарга ошондой убада менен бергемин. Анын үстүнө алар менден качып кетишти, дайын-дарегин билбей калдым, акыры айтышат экен, менден качпай эле коюшса болмок.

- Апамдын оюна койсо мага эч нерсе айтмак эмес, ушундай жакшы көрөт эле. Балдарын дагы мага сүйлөтчү эмес, балдары менин башка экенимди билишпейт, - деди Мырзагүл күлө.

- Ыраазымын кудайга, кеч болсо да сени көрдүм, көрбөй өтүп кетемби деп коркчу элем. Садага кетейиним десе, ымыркайыңда кеткен элең, минтип суйкайган кезиңде келип отурасың, - деп Давлет кызына жалынып-жалбарып, балдарын өөп, кубанып отурду.

Марат эшикте жүрүп, өзүнчө ойлоп койот: "Мырзагүл менин бир тууганым тура, көрсө бир туугандык сезим мени ага тартып жаткан экен да. Кудай уруп, артынан ээрчип, күйөөсү менен жаман айтышпаганым жакшы болгон экен. Тагдырың түшкүр десе, ушундай дагы жолугушуу болот экен да", - деп ойлонуп Мырзагүлдү карагандан айбыгып, эт бышканча эшикте жүрө берди. Ошол кезде Эрнис чыгып келип, Нурсейит менен сүйлөшүп туруп калды. Марат аларга жакындай албай жеңелерине кол кабыш кылымыш болуп жүрдү, Эрнис дагы аны түшүнүп, үндөгөн жок. Кеч күүгүмдө колго суу куюлуп, дасторконго эт келди.

Давлеткан уул-келиндери менен кыз-күйөөсүн сыйлап жатты, неберелерине эт карматып, шыйрак берип, басса-турса жалбарат. Ошентип үч күн конок күтүштү, колунан келишинче сыйлап кийит кийгизди, эки небересине бирден кой энчиледи, кетээринде бир койду союп салып берип, коштошуп калышты. Марат алар менен чогуу кетмек болуп машинага отуруп жатканда Калыс:

- Мир, сен эми качан келесиң? - деди акырын.

- Эми жумуштан чыгалбайм, кайра-кайра келе берүү кыйын, кат жазып турам, - деп Марат кызын өөп-өөп, кайра берди.

- Мен Таласка барып келсемби дедим эле.

- Шашпа, барганга убакыт келет, мен эми кышында бир келем.

- Макул, - деп Калыс унчукпай калды.

- Жакшы туруңуздар, апа, мындан ары катышып турабыз, - деп Эрнис Давлет менен коштошуп жатты.

- Жакшы баргыла, садагаларым, аман жүргүлө, - деп Мырзагүлдү кучактап өөп, машинага отургузду. Кайра-кайра коштошуп жатып, жолго чыгышты. Узак жолдо рулду бурап келаткан Эрнис күзгүдөн Маратты карап:

- Ушинтип тагдырдын тамашалуу капшабы бизди кайрадан жолуктурду ээ? - деп күлө карады.

- Ал жөн эле жакындык сезим тура, - деп Мырзагүл сөздү жөндөп кетти. - Бир туугандык сезим бизди ошондо эле табыштырган экен да.

- Ооба, ооба десеңиз, көпкө чейин унуталбай жүрүп, эми унута баштаганда кызымдын атын Мырзагүл коюп ошондо бир эстегем. Бизди тагдыр өзү табыштырды, менден өткөндү кечириңиздер! - деди Марат башын кашылай.

- Эч нерсе эмес, анын эмнесине кечирим сурайсың, эжеңди баарынан кызганып, иштетпей койгомун, андан көрө эми үйгө барып жүрө бер.

- Ошент, үй кенен эле, батирде жүргөнчө үйдө жүрө бер, - деп кошумчалады Мырзагүл.

Ал күнү Мир Эрнистердин үйүнө барды. Алар барганда Эрнистин карындашы Алтынай ошол жерде болчу. Эрнис Таластан болот, Алтынай экөөнүн атасы бир тууган. Ошол жерде жүрүп иштечү. Мир экөө бат эле сырдаш болуп кетти, кээде кинотеатрга чогуу барып келишет. Бир күнү Алтынай:

- Келинчегиң кайдан? - деп калды. - Шаарга эмнеге алып келбейсиң?

- Шаарда эмне бар, кайненесин карайт да, сенин жердешиң болот, Таластан.

- Аты ким?

- Калыс.

- Канчада, сүрөтү жокпу жаныңда?

- Жок.

- Атасынын атын билесиңби?

- Кеңешбай деген экен.

- Ошол Калыс сенин аялыңбы? - Алтынай Маратты таңгалгандай көздөрүн чо-оң ача карап калды.

- Эмне болду?

- Ой, билбейм, эгерде ошол Калыс болсо сага тең эмес, анын жылтыраган жүзүнө арбалгансың го?

- Эмнеге? - Марат түшүнө бербей суроолуу карады.

- Дегинкиси кызык окуя, - деп Алтынай айтсамбы же айтпасамбы дегендей ойлонуп калды.

- Алтынай, айтчы, бай болгур, мени бышырып жибердиң го, эмнеге мага тең эмес, өң десе өңү, акыл десе акылы бар, эмнеге антип жатасың?

- Айтсам мындай, жаңылыпсың, Марат, аны өз атасы сегизде окуп жатканда зордуктап салып, төрөп койгон. Кийин билинип калып, он беш жылга камалып кетти. Калыс ошол бойдон айылга барбай калды, кечирип кой, балким башкадыр. Кеңешбай менен Эрмекбай бир тууган, Калысты баласы жогунан багып алышкан экен. Өз атасы Эрмекбай, - деп Алтынай бежиреп жатканда анын "зордуктап салган", "төрөп койгон" дегенден башка сөзү Мараттын кулагына кирбеди. "Ушунчадан ушуну сүйүп калганымды кара, мен эми аны көргүм да келбейт, жоголсун ошол бойдон! Менин сүйүүмө ошол мамиле жарашабы?" - деп тунжурап отуруп калды. - Сага эмне болду, Марат? - дегенде селт эте кызды карады.

- Эч нерсе.

- Сени ойго салып койгонум үчүн кечир.

- Эчтеке эмес, көзүмдү ачып койдуң.

- Ой, ушу сен кандайча илинип калдың ага?

- Сүйдүм…

- Бул башка кеп, сүйүүдө намыс жок.

- Ооба, сүйүүдө намыс жок деп коюшат, бирок жолу башка…

- Үй-бүлөңдү бузгум келбейт, байкоостон айтып алдым, - деп Алтынай ыңгайсыздана карады.

- Эч нерсе эмес, акыры билинмек да.

- Ошондо да…

- Алтынай, сен турмушка чыктың беле?

- Ооба, бирок жолум болбоду.

- Жаман болуптур, сүйдүң беле?

- Жок, ала качып алган.

- Азыр жигитиң барбы?

- Жигиттерге ишенбейм.

- Катуу көңүлүң калган экен, - деп Марат Алтынайга жылмайып койду.

- Айтпа.

- Эч нерсе эмес, али жашсың.

- Мм…

Экөө көпкө айланып басып жүрүштү. Канчалык өзүн алаксытмак болгону менен кыжаалат ойлордон жүрөгү мыкчыла Марат унчукпай басып жүрдү. Кеч болгондо келди да, өз бөлмөсүнө кирип жатып алды. Мырзагүл анын капалуу экенин байкап, артынан кирди.

- Марат, сага эмне болду, эмнеге капалуусуң?

- Эч нерсе болгон жок, эже.

- Жана эле жайдары элең, эми кабагыңа кар жаап калыптыр…

- Жөн эле.

- Кызыңды сагынгансың го, жакында апамдарды чакырганы жатабыз, ошондо келинчегиң менен кызың чогуу келишет, - деди көздөрүн жайната.

- Ага эмне бар, үйдү карап кала берсин.

- Кой, келсе жүрүп кетет да.

- Эртең өзүм кат жазам, эже.

- Өзүң бил, эми тур да, тамагыңды ич.

- Макул, азыр чыгам.

- Кечикпе, - деп коюп Мырзагүл ашканасына чыкты. Марат туруп кат жазды.

Калыска өзүнчө кат жазып, апасына бөлөк жазды. Апасынын ал-акыбалын сурап келип: "Апа, менин Калыс менен эми жашагым келбей калды, эгерде кетем десе жолун тоспогула, мен барбайм. Турмуш жолумдан жаңылдым, апа, мени кечир, Калысты кетиргенге аракет кылгыла", - деген катын эртең менен жумушка баратып, почтага салып койду. Калыс бул жөнүндө билбесе да Мараттын өзүнө муздак мамиле жасап калганын сезген. Ошентсе да: "Кызым турат, мени бир кезде сүйгөн, демек кызым экөөбүздү ара жолго таштабайт", - деген ойдо өзүн-өзү кармап, кайненесине чаң жугузбай карап жашап жүрдү. Кат келгенде кыскача: "Кандай, кызым чоңоюп жатабы, мен жакын арада бара албайм. Эгер апам шаарга келсе, сен үйдө калып, эки жакты карап тур, көрүшкөнчө, Марат", - деген эки ооз сөзүн окуп, умсунуп калды. "Бул менин тагдырым, пешенем ушундай болсо көтөрбөскө чарам барбы?" - деп кайненесине көрсөтпөй көз жашын аарчыды.

Бир күнү үй ичин чыгарып, жайып, жууп-тазалап жүргөн, серванттагы идиштерди алып тазалап жатып, Мараттын катын таап алды. Жөн салды гана окуп көрмөк болуп ачып жаткан. Ошол эле жерде көз жашы төгүлүп, канча турганын өзү да билбейт. Бул каттын келгенине он-он беш күндөй болуп калса да кайненеси сыр билгизген эмес, ал келинине боор тартып тураар эле. Ушул учурда Калыс ага ыраазы болду, сыр бербей, балам дегенден жазбай көтөрмөлөгөнү адамгерчиликтүүлүгү эмей эмне. Ал күнү жумушун жасап, үн дебей жатып камынды да, эртеси ачык эле айтып, үйдөн чыгып кетмек болгондо Давлеткан:

- Балам, эркек айта берет, өзүңдү жеңил кылба, жылуу ордуңду суутпа, акыры келет, кайда бармак эле? - деди кетиргиси келбей.

- Апа, сизге эки дүйнөдө ыраазымын, балаңыз каалаганын кылсын, мен эми кала албайм.

- Бекер кыласың, балам ай, сенден артыкты алмак беле, отурган аял орун табат деген, жылбасаңчы, балам, же кызды таштап кет, мен багайын, көргүң келгенде келип тур.

- Жок, апа, мен кете берейин, кокус сагынсаңыз алып келип турам, - деди да келин кайненеси менен коштошо чыгып кетти.

Калыс кызы менен түз эле Таласка, Сайранын үйүнө келди. Ал күйөөсүнө аял алып берип, анын балдарын багып үйдө эле. Калыс көпкө жүрүп калды, анан совхозго жумуш сурап барды. Суйкайып, баралына келип турган келинди көргөндөр сугун артып, тийише баштады. Канткен менен арадан өткөн аз жылдар унутулгус тагдырды артка таштаган болсо да, Калыс эки адамдын сүйлөшүп турганын көрсө, өзүн айтып жаткандай сезип, жаман болуп жүрдү. Мындай бой келинге кеп да бат илээшет тура. Акыры аны тагдыр жүрүп-жүрүп өзүнүн жээнине табыштырды. Ашык болгону ашык болуп, кээси көңүлдөш болгонго ашыгып жүргөн учурда атасы менен бир тууган эжеси Акмаралдын түрмөдөн келген баласы Байдылда ата-энесинин тынчын алып:

- Мен ошол таежемди алам, силер алып бергиле, - деп жатты.

- Ой, сен түрмөдөн жаңы келдиң, ал байкуш ансыз дагы күйөөдөн тынбай келиптир, ого бетер кууратасың го? - деди атасы жактырбай.

Байдылда бою узун, кыз-келинди өзүнө дароо эле тартып алган келбеттүү, бой мүчөлүү жигит эле.

- Мен аны бактылуу кылам, аны албасам жашабайм.

- Карангүн ай, ал сага макул болобу, кызы турса колунда.

- Өзүн, керек болсо кызын дагы багам да.

- Мейли барып көрөлү, - деп сүйлөшкөнчө Байдылда Калыстын иштеген жерине барып, макулдашып алды. Көргөн жанды өзүнө тарткан жигитке Калыс бат эле арбалды. Ошентип алар үйлөнүп, Ошко келишти. Калыс аргасыз кызын кайненесине алпарып таштап, Байдылда экөө батир жалдап жашап калды. Ал жерге баргандан кийин Байдылда ар кайсы келин-кыздар менен кетип калып, Калыстын зээнин кейитип жиберди. Ошол үйдө бирге жашаган аял менен эже-сиңдидей болуп калышкан. Алар да батирде үй-бүлөсү менен турчу. Жалгыз бойчулуктун азабынан жумуш издеп, райкомдун секретарына кирди. Калыс киргенде шыпылдаган секретарь:

- Кел, чоң кыз, кандай жумуш менен келдиңиз? - деди күлүмсүрөй карап.

- Жумуш керек, агай.

- Колуңдан эмне жумуш келет? Ооруканада жумуш бар, ошого иштейсиңби?

- Жумуш болсо эле болду, колумда кызым бар эле, агай, бала бакчадан орун болоор бекен? - деди тарткынчыктай.

- Албетте, - деген секретарь шыпылдай кагаз жаза калып Калыска сунду. - Биринчи бала бакчага барып, бул кагазды көрсөтсөң дароо алат, анан жумушуңа бар, паспортуң барбы?

- Ооба, - деди Калыс, Байдылда кеткенден кийин кызын алып келип алган эле.

- Фамилияң?..

- Кеңешбаева Калыс.

- Бара бер, мен телефон чалып койом, - деди секретарь. - Жашооң кандай?

- Жакшы, батирдемин.

- Анда бир күнү кел, үй маселесин чечип берем, макулбу? - деп сугалактана карап, босогого чейин узатып койду. - Келип тур ээ?

- Рахмат, агай, - деген Калыс андан чыкканча жүдөп кетти. Көз карашы көөдөнүн тешип өтүп, тердеп-кургап зорго чыкты да, "өх" деп алды. Ошол күндүн эртеси эле адегенде кызын бала бакчага алып барып тапшырды. Экинчи секретардын сөзүн укпай коймокпу, өзү бараары менен жумушка алынды. Кечинде келгенде Панаркүл эжеси:

- Жумуш таап алып жакшы болуптур, - деди шыпшына.

- Ооба, эже, кызымды дагы бакчага тапшырдым, эми кудай буйруса иштеп, бутка туруп алсам күйөөнүн кереги да жок эле.

- Байдылда келип калса эмне кыласың?

- Ой, эже, келбей эле койсун, дегеле көңүлүм калды баарынан.

- Эр дегендин соорусу суук, маңдайы жылуу болот, алдыңа келип жалынып-жалбарса кыялбай каласың, - деп Панаркүл акыл айткан болду. Күйөөсү жокто ар убак экөө сырдашып калат, бир короодо жашап, бири-бирине ынак.

- Секретардын сугалактана караганынан уялып зорго чыдабадымбы, баса, келип тур, эми келгениңде үй маселесин чечип берем деди.

- Ырас элеби? - Панаркүлдүн көздөрү жайнай түштү.

- Ооба, эми барбай калайын, иш таап алдым, болду.

- Ай, ошого мен барып көрбөйүнбү, ыя?

- Өзүңүз билиңиз.

- Минтип көрүнгөндүн үйүндө жүргөнчө өз үйүбүз болсо жакшы эле, - деп муңая түштү Панаркүл.

- Аныңыз туура дечи, берем, маселеңди чечем дегенде эле бара берсе болбойт да.

- Мен андай кишиге жабышат элем ай, - деп күлдү Панаркүл.

- Мен анте албайм, эже, - деп Калыс Панаркүлгө карап сумсая отуруп калды. Ошентип алар көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Панаркүл болсо Калыстан секретардын кабинетин сурап алды. Арадан он чакты күн өткөндө Байдылда келип калыптыр. Калыс ары кетти, бери кетти, акыры келбеттүү, алибеттүү күйөөсүн кыя албай жашамак болуп бир сөзгө келишти. Кызын күндө бала бакчага жеткирип, андан ары жумушуна жөнөйт. Ошол убакта Панаркүл Калыстан алган дареги менен атайын барып, ыза болуп келген экен. Кечинде Калыс келгенде ага айтып берди. Көрсө Панаркүлдүн өтүнүчүн аткармак тургай секретарь сөзүн түзүк тыңдабай да коюптур. Ошентип Калыс эртеден кечке жумушта болуп, кечинде кызын алып келет. Байдылда бир айдай чогуу жашап эле кайрадан дайынсыз жоголуп кетти. Калыс аны кийинчерээк дагы бир бой келиндин үстүнө кирип алыптыр деп угуп калды. Абдан ызаланып ыйлап жүрдү, анткени үч айлык боюнда бар болчу. Ал абдан кыйналып, такыр аргасы кеткенде кайра кызын кайненесине жеткирип келди. Ай-күнүнө жетип, уул төрөп алды. Баласы торолуп калганда Байдылда кайрадан келип, Калыска жалынып-жалбарып отурду.

- Калыс, мен эми баарын ойлондум, тынч өмүр сүрөлү, - деди башын жерге салып.

- Болбойт, Байдылда, менин дагы көңүлүм калды, мындан ары сени менен жашай албайм, балам менен өз оокатымды өткөрө берем. Сен каалаган жагыңа кете бер, төрт тарабың кыбыла!

- Койчу эми, Калыс, мен мындан ары эч жакка кетпейм, мени кечирип кой, жаным, уулумдан мени бөлбө.

- Балам дебе, кайдагы баланы айтасың ыя, бала үчүн кам көрүп койдуң беле, же бир пайдаң болдубу?

- Айтпадымбы, мындан ары жаныңдан чыкпайм.

- Эми сенин керегиң да жок!

- Кечир мени, ушунчалык эле көңүлүңдү калтырдымбы, кечирим берип баламдын жанында болууга уруксат бер, - деп көгөрүп отуруп алды. Калыс баласын көтөрүп, эшикке чыгып кетти. Панаркүл менен сүйлөшүп отуруп, кеч келди. Байдылда көмкөрөсүнөн түшүп жатып алыптыр, унчукпай кирип, уулун кучактап жатып калды. Убакыт өтүп, кайрадан жашап жатканы менен Калыс таптакыр жибибеди. Бир күнү чыгып кеткен Байдылда кеч күүгүмдө кубанычтуу келди.

- Калыс, биз эми бактылуу жашайбыз, мен Казакстанга жумушка бармак болдум, областтан жөнөтөт экен, экөөбүз тең кетели, балам экөөңөр жанымда болосуңар.

- Качан жөнөтөт экен?

- Эки-үч күндөн кийин.

- Аякка барып, дагы казак кыздарга кетип калсаңчы? - Калыс сынай сурады.

- Эч качан кетпейм, ансыз да чарчадым, - деди Байдылда ишенимдүү.

- Андай болсо баралы.

Ошентип алар ошондон үч күндөн кийин переселен болуп Казакстанга жол тартышты. Бир аз жүгүн алып, Казакстанга барышты. Аерден жатакана менен камсыз болгондон кийин курулушта иштеп жүрдү. Он беш күндөй эле убакыт өттү. Байдылда баласына имерилип, жумуштан эрте келип калган. Бир күнү эле дагы келбей калды. Калыс аны күтүп жүрдү, бирок Байдылда ошол бойдон келбеди. Күндөрдүн биринде аны издеп иштеген жерине барса, аерден күйөөсү менен чогуу иштеген бирөө:

- Байдылдабы? Ал бир келин менен жашап жүрбөйбү, бизге деле бойдокмун деген, - деди таңгала.

- Анын каерде жашаганын билбейсиздерби?

- Жакын эле жерде…

- Көрсөтүп койосузбу?

- Ал бүгүн келбей калды, табаар бекенсиз?

- Эмнеси болсо да көрүп алайын, - деген Калыска боору ооруган киши бир баракка дарегин жазып берди.

- Ушул үйдү тапсаң аны табасың.

- Рахмат, аке, - деп баласын көтөргөн келин көчөлөрдү аралап ыйлап кетип баратты, бат эле тапты. Негедир беритен айбаттуу бараткан келин дарбазасына келгенде жүрөгү ылдамдай согуп, муундары калчылдап кетти. Кирээр-кирбесин билбей эки анжы болуп турганда артынан үн угулду:

- Сизге ким керек?

- Аа-а, - деп артына кайрылса көздөрүн көпкөк кылып бойогон, чачтары тармал, оозу кыпкызыл, кыска юбка кийген келин өзүн карап турган экен. - Мен… мен Байдылдага келдим эле.

- Эмне, сен кимиси болосуң? - Атайын жармаштырып алган узун кирпиктери жымшык көзүнө эч коошпогон келин оозун чормойто карап калды.

- Мен аялымын.

- Аялы?!

- Ооба.

- Сен ушундай туруп тур, азыр чакырам, - деди да тиги бир бөйрөгүн таяна Калысты баштан-аяк бир карап алып, ичкери кирип кетти. Калыс дарбазанын эшигин тиктеп көпкө турду. Бир топтон кийин гана эшик ачылып, Байдылда чыга келди.

- Сен эмне кылып жүрөсүң? Эмне ишиң бар менде? - деп тирмеңдей түштү.

- Сага келдим.

- Сөзүңөрдү эрте бүтүргүлө, менин күткөнгө убактым жок, - деп демитти артында турган жанагы келин.

- Сен эми мага келбей койсоң да болот, баланы өзүң багып ал. Мен Саламатты сүйөм, экинчи келбе! - деп Байдылда кайра кирип кетмек болду эле Калыс ыйлаган бойдон:

- Баланын кусуру урсун, темселеп дагы барат экенсиң, мен сени менен жашамак турсун үйгө киргизбейм! - деп артка кайрылып көз жашын тыялбай кетип жатты.

Тагдырың кээде жумшак жел ыргагы,

Заматта аткарылат оюңдагы.

Эгерде сыртын салып туруп алса,

Жашоодон кечкиң келет алдыдагы,

дегендей, жолгата наристесин өөп коюп, бир колу менен көзүнүн жашын аарчый жашаган жерине келди…

Марат Калыстын кеткенин уккандан кийин бир аз жеңилдеп калгандай болду. Негизи аны чын жүрөгү менен сүйөрүнө көзү жетти, бирок өзүнчө: "Ал менин сүйүүмө татыктуу эмес, жок дегенде ачык айтса болмок. Балким оозу барбагандыр, жүрөгү даабагандыр, баары бир калп айтканча башкача айтса болбойт беле. Неге мени дал ошол түнү алдады, эмнеге болбогон, такыр коошпогон калпты айтат, жадагалса төрөгөн тура", - деп туталана окуусун сырттан окуп, иштеп жүрдү. Алтынай болсо Маратты жандап таптакыр жанынан чыкпайт, кийинки кездери андан оолактай баштаган. Бир күнү жумуштан келгенде Мырзагүл аны тилдеп кирди.

- Калыс кетип калыптыр го, кызың турат, аны кайра алып кел да, бул жакта окууңду бүткөнчө жашай бергиле.

- Кеткени жакшы болду, алып келбейм, - деп жер карады Марат.

- Марат, кызың эмне болот, мендей болуп кийин-кийин издеп келишин каалайсыңбы? Кыз киши өз ата, өз энесинин колунда өскөнү жакшы, чоңойгондо мамиле куруу өтө кыйын болуп калат, - деп Мырзагүл инисинин жанына отурду. - Өзүң билесиң, тааныбастык эмнеге алып барбайт, атасын кызы сүйүп, эжесин иниси сүйүп калган кызык окуялар болуп жатканын угуп деле жүрөсүң. Тагдырдын машакаттуу да, табышмактуу сырлары көп, иним.

- Эже, анын күнөөсү өзүндө, баланы алып келсе келди, келбесе мен кызыма кийин дагы карабайм. Күнөө кимде экенин энесинен сурасын, териштирип билсин, акыл токтоткондо өзү калыстаар…

- Өзүң бил, иним, билген акылымды айттым, тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт дегендей менин айтканым сага арык аттап, суу кечпейт экен, - деди да, туруп кетти.

- Мени кечир, эже, мен Калысты катуу сүйгөмүн, менин сүйүүмө татыктуу боло албады.

- Жакшы эле келин экен го? - деди Мырзагүл кайрылып.

- Айтылбаган сырлар көп, - деп Марат үңкүйө отуруп калганда эшиктен Алтынай кирди. - Мен силерге эмне себеби бар экенин айталбайм.

- Эмне болуп жатат, жеңе? - деп Алтынай кирип эле сурай кетти.

- Эч нерсе, таарынычтары бар го, Калыс кетип калыптыр, алып келесиңби деп жатам.

- Эмне дейт анан?

- Билбейм, өзү билет да. - Ошол бойдон Мырзагүл үй жумушуна киришип кетти. Марат унчукпай жатып алды. Алтынай ашканага кирип, Мырзагүлгө шыбырап-күбүрөп бирдемелерди айтып жатты. Анын айтканын укканда Мырзагүл таңгала карап туруп калды.

- Ошондуктан көңүлү сууп калса керек да, жеңе. Бирге жашап өз атасынан кордук көрүп, өмүр бою жүзүнө көө жабылып жүргүчө бөлөк өсүп сый болгону жакшы да, - деп эбиреп-жебиреп жатканда Мырзагүл ага кайрылды.

- Эмне деп эле жатасың, кайдан билесиң булардын баарын?

- Жеңе, Калыс экөөбүз классташпыз, ал төрөп койгондо гана билинип атасы камалып кетип, аны интернатка киргизип коюшкан. Көрсө окуп жүргөндө эле атасы менен жатып жүрө бериптир, айткандан коркуп жүрө берип төрөп койгон экен да. Андан кийин интернат өрттөнүп кетип, андан шаардагы №5 мектеп-интернатка өткөрүптүр. Мен ошондон кийин көрбөй калгамын.

- Мунун баарын Маратка сен айттың беле?

- Ооба, мен билгенимди айттым да, жеңе.

- Алтынай, - Мырзагүл ойлуу ага тигилди, - бекер кылыпсың, көргөнүңдү айтпай коюшуң керек эле. Адамдын жүрөгүн муздатканың болбойт, балким ал сүйүп алгандыр, түбөлүк жашашат беле, туура эмес кылыпсың.

- Бул сырды Марат акыры укмак.

- А сен билмексен болуп койсоң болмок.

- Жеңе, дагы үч-төрт балалуу болгондо угуп, ажырашканча бир кыз менен оңой да.

- Ортодо кызга дагы кыйын, өгөйгө кабылып, апасынын тагдыры кайталанса не болот? Адам пендеси ар түрдүү болот экен. Мени өгөй энем апамдан алып, өз балдарынан кем кылбай өстүрдү, атам андан бетер жакшы көрчү. Эгер кокус атам мурун өлсө, энем бөлөк экени айтылбай калмак экен, апам эки жыл мурун өтүп кетип, катуу ооруп жатканда ооруканага барсам атам айтып берди. Адеп укканда шок болгонумчу, ишенген жокмун, - деп Мырзагүл ойлуу сүйлөп жатты. - Атам төрөгөн апамды катуу сүйүптүр, өзүнүн убадасы бар экен. Ошентип өлөөрүндө гана мага чындыкты айтып жатпайбы…

- Ай-ий, чынында таңгалыштуу окуя экен, - деген Алтынай кызыга суроосун берди. - Сиз анан апаңызды кантип таптыңыз?

- Дарегин, аты-жөнүн айтып берген да.

- Ай-ий…

- Ошентип уккандан кийин аябай ойлончу болдум, мени төрөгөн аялды көргүм келди. Эрниске айттым да кат жазып жөнөттүм, жообун алдым, - деп жылмайып койду Мырзагүл. - Көрсө мен апама окшош экенмин, бир туугандарым бири-бирине окшош тура. Маратты үйдөн кетирбей койдум, балким ал Калысты катуу сүйгөндүр, эгер андай болсо баарына кол шилтеп коймок, убакыт дарылап бара-бара баарын унуттурмак.

- Марат андан мурда бирөөнү катуу сүйүптүр, анын үй-бүлөсү бар экенин угуп, өз көзү менен көргөндө жаман абалда калган экен. Унута албай жүргөндө Калыска жолугуп калып, өзүн алаксыткан го, сүйлөшүп жүрүп да бир ооз айтпай коюптур. Келин болсо да баласына карабай биринчи сүйгөнүн издемек болуп жүргөн тура.

- Эмне, Маратпы? - Мырзагүл чочуп кетти. - Келинди эмне кылат экен?

- Сүйгөнү кыз болбой калса анан өкүнөт да, андан көрө келин болсо да алганым жакшы эле деп ойлогондур.

- Кой, ошо кантип болсун, мен ишимди кылайын, Эрнис келгиче тамак даярдай коюшум керек, - деп ордунан туруп кетип калды. - Сенин окууң кандай болуп жатат?

- Мен сырттан которулуп алсам чыгарып коюшуптур, эми иштеп жатам, жеңе.

- Кийин болсо дагы окуп аласың.

- Ошентем го.

- Эртең үйгө конок келет, жардам берип кой ээ?

- Макул, жумуштан эрте келейин.

- Ооба, жалгыз жетише албай калат окшойм.

- Жарайт, жеңе, бирок эки күндөн кийин эле айылга кетем, апам чакырып жатат.

- Чакырса барышың керек.

- Ооба, кабарлашпай калсам эле чакыра берет, - деп күлүп койду Алтынай. - Алар мени шаарда жүрүп бузулуп кетет деп коркушат.

- Сени жаман болсун демек беле.

- Түшүнөм да, жеңе.

- Түшүнгөнүң жакшы.

Марат көп ойлонду, бирок Калыстын артынан баргысы келбеди. Анан ойлонуп отуруп: "Мен эми үйлөнүшүм керек. Жаңылдым, алгач аруу тилегимден жүрөктүн үнүн уктум. Ийилбеген жан дүйнөм аруулуктан жаралганбы, ак сүйүүмдөн көңүл калды, бул эмнеси?" - деп улутуна сүйүүсү менен коштошуп, баш көтөрүп, жашоодон дагы да болсо ала турганы бар экенин сезип, тирүүлүктүн ырахатынан үмүт үзбөй алга карай кадам таштоого аракеттенди. Күндөгүдөй эле жумушунан кайтып келе жаткан. Алды жагында узун бойлуу, чачтары далысын жапкан арыкчырай кыз кетип баратты. Тездей басып жете келип, кызга катарлаша калды.

- Саламатсызбы, чоң кыз? - деп койду жылмая.

- Саламатчылык, - деп кыз жалт карап жооп кыла токтобой кете берди.

- Алыс барасызбы, чоң кыз?

- Ооба.

- Жүгүңүз оор болсо керек, жеткирип койойун.

- Анча эмес…

- Мейли, ошентсе да мага бериңиз, - деди Марат колун сунуп.

- Бекерчисизби?

- Жо-ок, сиздей сулуу кызга жардам берейин дегеним бекерчиликтен эместир.

- Жарайт, жардамыңызга рахмат.

- Али жардам боло элек го?

- Мынаңыз, - деп кыз ойноктогон кара көзү менен жал-жал карап колундагы сумкасын сунду.

- Окуйсузбу?

- Ооба.

- Кайсы окуу жайда?

- Окуу жай эмес, мектепте бүтүрүүчүмүн.

- Оо, али жаш турбайсызбы, атыңыз ким?

- Райкан.

- Менин атым Марат.

- Студентсизби?

- Сырттан окуйм.

- Жакшы экен.

- Бул жерликсизби?

- Ооба.

- А мен эжемдикинде жүрүп окуйм.

- Эжеңиз ким?

- Мырзагүл.

- Эрнис акелердикиндеби?

- Ооба, кайдан тааныйсыз?

- Апам экөө мектепте бирге иштешет.

- Жакшы тура, эжемди да тааныйт экенсиз.

- Сиз аябай эжеге окшош экенсиз.

- Чын элеби?

- Чын айтам, - деп Райкан бажырая күлүп койгондо анын жүзүнөн балалыктын кирсиз таза назы Мараттын жүрөгүнө найзадай сайылып, тыз эте түштү.

- Бир тууганбыз да, - деди ойлуу. Үч жыл мурунку Мырзагүлдү сүйөм деп жылдырбай туруп алганы эсине түшүп, кызарып кетти.

- Түшүндүм, кайсында окуйсуз?

- Геология институтунда.

- Геолог болот экенсиз да?

- Ошондой.

- Биз келип калдык, - деген Райкан Мараттын колундагы сумкага колун сунду. - Атамдар көрүп калса кайдагы жигит деп урушат.

- Макул анда, жакшы кал.

- Рахмат, жакшы барыңыз, - деп Райкан сумкасын көтөрө ылдам басып, заңгыраган үйдүн дарбазасынан кирип кетти. Марат оң колун көтөрө басып кетти. Кыз жигитти арбап алгансыды, жылмайышы, апакай жүзү, кырдач мурдуна жарашкан оң жак таноосунун түбүндөгү меңи ого бетер көрк кошуп, жигиттин көз алдынан кетпей туруп алды. Марат кыңылдай үйгө кирсе эки агасы, карындашы менен апасы келип калган экен. Учурашкандан кийин бир нерседен жүрөксүгөн Марат кайра чыгып кетмек болду эле, Давлеткан аны токтотту:

- Балам, отурчу мындай.

- Эмне болду, апа?

- Калыс кеткен, Мырзагүлдү алып келип берип койду, басып калыптыр.

- Кайда калды?

- Тиги үйдө уктап жатат. Сага түшүнбөй калдым, жылан чакпай, жылкы теппей жакшынакай аялыңды кетир депсиң, же барып ички сырыңды айтпайсың. Кетем дегенде токтото албадым, балам, эмне себеп болду, айтчы, экөөбүз ачык эле сүйлөшөлү.

- Апа, эч себеби деле жок, кеткени жакшы, кызым калса болду мага, ашыкча сөздүн эмне кереги бар.

- Марат, - деди улуу агасы Нурсейит, - апама идиш-аяк карматпай келин жумшап бериш керек. Калыстан кетпесе эмнеге кетирдиң, өзүңөр эки жакта жашасаңар, жаман-жакшы айтышпай эле бөлүндүңөр. Болбосо өзүң бирөөнү тапкандырсың, үйлөн да.

- Жок, аке, азыр үйлөнбөйм.

- Анан качан, ботом, Калыс кетмек турсун күйөөгө тийиптир, - деди Давлет күйүп-быша. - Өзүң каалап алып бардың, кой дебедим, кайра кете берсин деген катыңды окутпай катып жүрсөм окуп алып кетип калды, ага да макул дедим. Калыс ылайыктуу, ырайымдуу келин эле.

- Болбодубу эми, апа, кетсе кетти да, мен эми үйлөнбөйм! - деп Марат чыгып кетти.

- Бу балаңдын башы ордунда эмес го, апа?

- Кайдан билем, айланайын, андан көрө жакшы айтып көндүрсөңөр боло, минтип жүрсө коколой өтөт бу дүйнөдөн, - деп Давлеткан кейип-кепчип отурганда Эрнис келип калды. Ал адегенде өзүнүн атасы менен апасын киргизди да:

- Кириңиздер, - деп Давлеткандарга карады. - Келиңиздер, апа, булар менен ата-энем, жай отуруп таанышыңыздар.

- Жакшы, айланайын, кудагыйым жапжаш эле турбайбы, таанышпай анан, - деп эңкейген Канымжан өйдө өтүп баратып эле Давлеткандын колунан бекем кармап учурашып калды. - Кандай, айланайын, жакшы келдиңерби, бала-чака аман-эсенби?

- Жакшы, кудагый, жатабыз, өзүңүздөр жакшы жүрөсүздөрбү? - Давлеткан балдары менен тура калып, орун бошотуп, ийиле учурашышты. - Бала-чака чоңоюп жатышабы?

- Кудайга шүгүр, аман-эсен жатышат, бу Эрнисим эле болбойт, кайненем келмек, таанышып, сүйлөшүп отургула деп.

- Кандай, кудагый, эми учурашалы, - деп Эрнистин атасы Камчыбек бакылдап кол сунду. - Бу кемпир өчүрөт бербей эле бапылдайт, - деп күлүп калды.

- Ушинтип эле баржактай берет кудаң, тамашакөй, - деди Канымжан да күлүп.

- Мейли, кудайга шүгүр, сиздер менен таанышканыма ыраазымын. Мен дагы тагдырдын буйругу менен кызымды көрө албай жүрдүм эле, эми минтип жүздөшүп, кубанычым койнума батпай турган чагым. Балдарымдын башы, тунум ушул Мырзагүл, - деди Давлеткан саал муңая.

- Ооба-ооба десең, адамдын колунан келсе бала эмес үйдөгү итиңдин баласын бирөөгө кыйбайсың, чырпыгыңды сындыргың келбейт, пешенеге жазганын көрөт экенбиз да, - деп Канымжан шыпшына дасторконго кол узатты. - Кел, кудагый, нанга карайлы.

Аңгыча колго суу куюлуп, эт тартылды. Камчыбек устуканды кудагыйына, балдарына ырааты менен узатты да, андан кийин келин-уулуна, неберелерине бөлүп берди. Эт артынан беш бармак келди. Куда-кудагыйлар бири-бири менен жакындашып, сүйлөшүп, сый-урмат көрсөтүп отурушту.

- Кудагый, тамактан алып отур, Мырзагүлүм кызымдай, келиним менен сыймыктанам, Эрнис жаңы алып барганда элдин баары келиниме суктанганын айтпа.

- Мырзагүл кудагыйдын эле өзү тура, айтам да Күмүшай кудагыйга окшобойт деп, көрсө кудагый абдан сулуу турбайбы, апасына окшош тура, - деди Канымжан беш бармактан сугуна артынан чыныдагы шорподон ууртап.

- Мейли, кандай болсо дагы аман болушсун, - деп ак баталарын берип, тамакка бата кылышты. Андан кийин конок каадасын кылып, сыртка чыгып келгенче орун салып даярдап койду Мырзагүл. Баары кирип, жаткандан кийин Давлеткан менен Мырзагүл экөө сүйлөшүп отурушту.

- Ошондой экен, келиниң кыз болбой чыгыптыр, анысы аз келгенсип атасынан бузулганын укса жашамак беле. Маратты көп кыйнабай эле коюңуз, ага өзүм таап берем, - деди Мырзагүл апасын күлө карап.

- Садагаң кетейиним, мен андайын кайдан билем, курган келин десе, үн катпай көз жашын төккөн бойдон кеткени ошондой, - деп Давлеткан зыңгырай отуруп калды.

- Кам санабаңыз. Сиз атамды сыйласаңыз, апам да атамды аябай сүйгөн экен, деги атам бактылуу экен ээ, - деп Мырзагүл күлүмсүрөй Давлетке ыктай колунан алды. - Мен бактылуумун, сиздей болгон сулуу да, сымбаттуу дагы апам барына.

- Менин дагы кубанычтан толкуган жүрөгүмдүн дабышы эмдигиче басыла элек, секетиң кетейин. Сенин дүйнөгө келгениңди бир көрдүм, көзүңдү ачып, эне жытын искетпедим, адеп күлгөнүңдү, тамтуң басканыңды, "апалаган" балдыр тилиңин чыкканын көрбөдүм. Мунун баары өмүр бою жүрөгүмдү эзип келген өкүнүч-арманым эле, эми жок дегенде көзүм өткөнчө көрөмбү деген тилегим орундалды, бактылуумун, садага, - деген Давлеткан көзүнө жаш мелт-калт толо Мырзагүлдү кучактап алып солкулдап ийди.

- Эне-бала болбойсуңар го? - деп Айжан кичинекей Мырзагүлдү көтөрүп келди. - Апа, кызың ыйлап жатат.

- Келе гой, берекем, келе гой, - деди Давлеткан небересине кулач жая. - Ушунун атын Мырзагүл койгонумда кудайым оозума сала берген экен, эжесин таап алдык, - деп небересин колуна алып, өөп алдына отургузду. - Өзү дагы сага окшош, туурабы, кызым?

- Ооба, апа, бизди өзүңө окшоштуруп төрөпсүң да, атама эч кимибиз окшобойбуз, - деп Айжан эркелей сүйлөдү.

- Кудай жараткан да, кызым.

- Айжан, апаңды капалантпа, - деп Мырзагүл Айжанга сөөмөйүн кезей күлүп калды. - Болбосо кетирбей койом.

- Апам көнөбү ошого?

- Эмнеге көнбөйм, жанагы неберелеримди эркелетип отура берем, ээ, Мырзагүл? - деп Давлеткан күлө Мырзагүлдү караганда ал дагы күлүп калды:

- Ананчы, апамды өзүм алып калам.

- Ооба сага, мен күйөөгө тийгенче үйдө болгонуң жакшы эмеспи?

- Анда капалантпа-а!

- Болуптур, Гүлжан эжеме кетип калам, - деп Айжан таарына ашканадан чыга жөнөдү.

- Таарынба, сиңдим, апаң сеники эле, - деди Мырзагүл кыткылыктай. Давлеткан көзүн ымдай күлүп, тим кой дегендей колун шилтеди.

- Таарынып кайда бармак эле?

- Мени жаман көрүп калбаса болду.

- Жаман көрбөйт, өзүңдү антип бөлбөй жүр, садага.

- Макул эми, кызыңыздын кардын тойгузуп алып, эс алгыла, - деди да, Мырзагүл тамак куюп берип, өзү жанында отурду. Бир жарым жаштагы кыз тамак ичкенден кийин эле чоң энесинин алдына уктай баштады.

- Биз жаталы, - деп Давлеткан небересин көтөрүп, ички бөлмөгө кирди.

- Жакшы жатып, жай туруңуз, - деген Мырзагүл өз бөлмөсүн карай басты.

- Жатыштыбы? - деди ал кирээри менен Эрнис.

- Ооба, эс алышсын.

- Эмне мынча көпкө отурдуңар?

- Ой кудай ай, ушу апамдан дагы кызганасыңбы? - Мырзагүл эркелей күйөөсүнүн жанына жата кетти.

- Сени чымындан дагы кызганам, жаным.

- Билем, а бул апам да.

- Ошентсе дагы желден, суудан, асманда тийген күндөн, түнкүсүн жарык берген айдан кызганам, жаным. Колуман келсе жан адамга көрсөтпөй баксам, өзүмдөн башка эч ким көрбөсө деп ойлойм. Аргам гана жок, буюм эмессиң да сандыкка катып алып, көзүм тойгончо карап, кайра жаап койгудай, - деп аялын кучактап моюнунан жаш балача жыттап, жүзүнөн аймалап кирди. - Кээде өзүмдөн-өзүм кызганып кетем.

- Койчу, ошончолук жакшы көрсөң жумушта кантип жүрөсүң? - деп кыткылыктай наздана шыбырады аялы.

- Иштебесем болбойт, мындай жылсам эле кызматымды аңдып турушат, кызматым болбосо сага менин да керегим жок, туура айтамбы, чүрөгүм?

- Эрнис, чыны менен өмүр бою ушинтип сүйүп өтөөр белең?

- Албетте, көзүм жумулганча алаканыма салып өтөм.

- Менин сөзүмдү угасыңбы андай болсо?

- Айт, кандай сөз?

- Мен үйдөн зеригип кеттим.

- Ийи анан? - Эрнис аялын тикирейе тиктеп калды.

- Иштесем көңүлүм көтөрүлөт эле…

- Көңүлүң эмнеге чөгөт, каалаганыңды жасап жатпаймынбы?

- Баары бир үйдө эки бала менен калам, Амир мектепке кетет, Темирди жетелеп жалгыз калам.

- Мырзагүл, мен сага айттым го, сени үлп эткен желден коруйм, өзү сен ойноп-күлгүң келет окшойт?

- Тирүүлүккө бир жаралып келипмин, жандан башкача сулуумун, көчөгө чыксам, эл арасына барсам бир жалт карашат да, талып калышат. Анан ушундай жанды үйгө катканың дуруспу же дүйнөгө жаралып, бир сени көрүп кете беремби караңгылыкка?

- Мырзаш, сен чын эле башкалар менен дагы жүргүң келет окшойт ээ? Мен сени өзүм менен гана алып чыгам, менсиз эч жакка барбайсың, эртең камынып эртерээк паркка барабыз, балдарды алып кечке жүрүп, кечинде концертке барабыз.

- Ой, жинди, мен сага башка эркектерди айтканым жок, эл менен аралашып, тели-теңтуш күтүп дегендей. Мени кызганып, жоро-жолдош күтпөй калдың, менин туулган күнүм эки баланын туулган күнү, сеникине эч бир адам чакырылбайт. Үч күндөн кийин менин туулган күнүм, дагы эле өзүбүз өткөрөбүзбү?

- Кереги эмне, өзүбүз деле жетишебиз, - деп Эрнис ачуусу келгенин билгизбей ары карап кетти. - Достун кереги эмне, андан көрө апам калсын, инилериң, сиңдиң болуп тособуз, - деп кайра бери бурулду.

- Алар калса калат, мени ата-энем окутту эле, сен иштетпей карап отурасың, мага ишенбейсиңби?

- Мен билем адамдарды, кээси бир көргөнгө ашыгат, кээси акылынан адашканча сүйөм деп уйгактай жабышып артыңдан ээрчийт. Мага душман арттырасың, сулуу катын көптүкү, эстүү катын бирдики дегендей сен деп ансыз да жинди боло жаздап жүрөм.

- Эмнеге?

- Үйдө эмне кылып жатат деп ойлонсом кабинетке эки мүнөт отургум келбейт. Суранам, жаным, үйдө эле болчу, балдарымдын энеси, өзүмдүн аялым болгонуң жетет го, алтыным, айым, күнүм менин, мага түшүнчү.

- Анда апамдыкына барып, бир-эки жума жүрүп келейин, - деп эркелей мойнуна асылып, кылык көрсөтүп, назданып жатты Мырзагүл.

- Жок, мен сени жалгыз жөнөтпөйм.

- Суранып жатам го-о?

- Болбойт, сенсиз мен эмне болом?

- Баары турбайбы, мага акчаңдын да кереги жок. Койчу эми, алтыным, суранам сенден.

- Суранба!

- Суранам, өтүнөм сенден.

- Кереги жок, укта!

- Анда мени сүйгөнүң жалган, сүйгөн адам түшүнөт аялын, ишеним берет, абийири болсо аял өзүн өзү сактайт. Сен обу жоктук кылып жаткан жоксуңбу, жан биргем?

- Эй, ушу жаңы кайненем сага сөз үйрөткөн жокпу, ыя?

- Эмне дедиң, Эрнис? - Мырзагүл баш көтөрө өйдө болуп, эрин карады. - Бул сөзүңө кандай түшүнсө болот?

- Сен мага мурда мындай дечү эмессиң, үйдө камалып жатпай, иште деп айтканбы деп ойлодум да.

- Койсоңчу, Эрнис, ал аял деген менин үйдө жатканымды кайдан билет, көргөнүмө аз болбой сырдашып же даттанып ийди деп турасыңбы? - Таарынып ары карап жатып алды.

- Таарынбачы, жаным, чымчыгым менин, булбулум, торгоюм менин, сенсиз менин күнүм не болот? - Эрнис аялынын таарынычын жаза албай жалынып жатты. - Койчу эми, күчүгүм десе, тентегим десе, балдарынан дагы айрымасы жок кичинекей тентеги-им, - деп өпкүлөй бергенде ары түртүп төшөктү чүмкөнүп алды.

Мырзагүл анын сырын жакшы билчү. Эрнис өтө кызганчаак, бирок бирге жашаганына жети жылдан ашып калса да чекесинен черткен эмес, катуу да айтпайт, жанында жүрсө эле болгону. Кокус үйүнө келгенде карааны көрүнбөсө эле дароо арам ойго жетеленип, аялы кимдир бирөө менен кучакташып төшөктө жаткандай болуп, көз алдына тартыла түшөт. Көрүнө калса жаркылдап күлүп, айлап-жылдап алыста жүрүп келгендей өпкүлөп жатып калат. Тобо-о, сүйүүнү сыйласа болот, сүйүп көргөндөр канча, бирок бул таптакыр башкача, эми таң атканча таарынычын жазып күлдүрүп, кабагын ачмайынча уктабасын билет.

- Эрнис, жөн жатчы, жүдөтүп жибердиң, - деп тултуңдап түртүп жиберди.

- Жа-аным, эркем, торгоюм менин, кана, күлүп койчу эми.

- Болдучу!

- Жаны го, булбулум го, менин чүрөгүм, күлүп койсоң, таарынычыңды жазчы, эркем.

- Жазбайм!

- Кана-кана, алтыным, - деп төшөктү ачып, кытыгылап өпкүлөп жатып, акыры күлдүрдү.

- Болду эми, - деди Мырзагүл күлкүсүн араң тыйып. - Анда менин сөзүмдү ук, болбосо мен эч качан жазылба-айм.

- Болуптур аткарам.

- Иштейм.

- Кайда?

- Университетке же мектепке.

- Кандай орун экен?

- Мугалим.

- Кайсы сабактан?

- Биологиядан.

- Кызык, сага дароо эле орун бере койдубу, толуп жаткан профессорлор, академиктер жүрсө анан сага орун бердиби?

- Эмнеге бербейт, окууну бүткөндөн кийин болгону үч жыл иштегем, сага тийгенден бери иштебей отурам.

- Макул анда, иштесең иште, менин аялым болсоң болду, - деп күлүп кучактап жатып калды.

- Эрнис, экинчи кызганбай жүрчү ээ, балдар чоңойду, мен сеникимин. Жашоодо экөөбүз биригип балдар үчүн кам көрбөсөк болбойт. Менин да жасайм деген иштерим, чоң максаттарым бар, аспирантурамды да таштап койгом, улантсам болбойбу, илим-билимдин артынан түшө албаймбы? Бир гана сенин аялың, балдарымдын апасы болуу менен чектелеби өмүрүм? - Мырзагүл ушинткенде Эрнис унчукпады, үндөбөй жата берди. Мырзагүл сүйлөп жатып өзү да уктап кеткен экен, кобур-собурдан улам ойгонду. Тура калып кийинип сыртка чыкса, Давлеткан эки баласы, кайната-кайненеси болуп эшикте сүйлөшүп туруптур.

- Мынча неге эрте туруп алдыңыздар?

- Кайдан эрте болсун, балам, бу шаарыңарда уктай берет экенсиңер да, саат он болду, - деп Канымжан күлдү.

- Мал болбогондон кийин эрте туруп эмне кылат эми, уйку тынччылык эмеспи, - деди Давлет жылмая.

- Эрте турсаң ырыскы жугушат, кудайым пенделерине таң эрте тоокко жем чачкан сымал ырыскы чачат экен, жеткени жетет, жетпегени уктап калып куру калат тура. Балам, эрте туруп жүргүлө, Эрнис экөөң эми жаш эмессиңер, ушундай ырым-жырымга маани берип, ал тургай кулагыңарга илип алгыла, - деди Канымжан.

- Макул, апа, эсимде болот. - Мырзагүл жаркылдай жооп кылып, ары басып кетти.

- Илбериңки, дегеле кабак бүркөп чыйтыйганын көрбөдүм, келиним абдан жакшы.

- Кут кылсын, кудагый, балабыздын жары бизге да бала, ичиң элжиреп эле турат.

- Анан эмей, тууган балдарын да мойнубузга көтөрүп багабыз.

- Кудай берип жатканда кесир кылбай бага бергиле, - деди Давлеткан салмактуу сүйлөп. - Бала бар, бакты-таалайыбыз бар да, кудагый, эми биз колу-жолубузду бошотуп кайда бармак элек, ушулардын амандыгын тилегенден башка эмнебиз бар.

- Кудагый туура айтат, балдардын кубаныч-күлкүсүнөн кубат алып, көз өткөнчө бакыбат жашап өткөнгө не жетсин, кудалардын сыйын көрүп, балдар кубанса кубанып жүрө берели, - деп Камчыбек кудагыйын кубаттап сөзгө аралашты. Аңгыча Мырзагүл аларды үйгө чакырды. Киришсе эбак үйүн жыйып, дасторконун жайып коюптур.

- Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы? - деп Эрнис эртең мененки саламын айтып учураша сыртка чыкты.

- Оо жараткан, бу менин уулум дагы түшкө чейин уктаганы эмнеси?

- Апа, бүгүн дем алыш да, - деп Мырзагүл жадырай карады.

- Аа-а карангүн, кайдан билдим, ишинен кечикти деп жатпайымбы, - деди Канымжан күлүп.

- Балдар өзү билет да, - деп кемпирин жөн отур дегендей Камчыбек нукуп койду. Эртең мененкиге карыларды жаңы тамак жасап сыйлап, андан кийин кийиттерин алып келди. Мырзагүл кайненесине кеңешип, Давлетканга жаңыдан чыгып жаткан норка пальто, эки инисине костюм-шым, Айжанга плащ, көйнөк-жоолук кылып кийгизишти.

- Алганың менен тең карып, балдарыңды Манас атанын арбагы колдоп, кырк чоронун бириндей, кызың Каныкейдей акылман болсун, кызым. Мага бул кийим эмес сенин көзүмө эсен-аман көрүнүшүң чоң бакыт болду, баладан эне, энеден бала айрылбаса деймин. Ылайым очогуңар бузулбай, түндүгүңөрдөн түтүн булатып, эшигиңерден сыйлуу конок кетпей ата-бабанын баскан узак жолунда кылым карытып узак жашагыла, балдарым, оомийин ало-оху акбар! - деп Давлеткан бата берди.

- Айтканыңыз келсин! - деп Эрнис менен Мырзагүл батаны кабыл ала ийиле сый көрсөтүштү.

- Айтканың келсин, кудагый.

- Ылайым берген батаң кабыл болсун!

- Өзүң да балдарыңдын урматында жүрө бер! - дешип бата кылып, орундарынан козголоордо Давлеткан кудаларына карап тамагын кыра сөз баштады:

- Куда, кудагый, менин бир оюм бар, эртең Мырзагүлдүн туулган күнү, отуз үчкө толот. Ушунча жыл эч кимге айтпай ичимден: "туулган күнүң менен, жарыгым", - деп миң кайталап куттуктап келдим. Эми мен туулган күнүн куттуктабай кетпейм, сиздер дагы калыңыздар.

- Андай болсо макул, кудагый, - деп Канымжан уул-келинин караса алар кубана күлүмсүрөп, Мырзагүлдүн көзүнө жаш тегерене түшүптүр.

- Биз кубана кабыл алабыз.

- Ыраазыбыз, кудагый, Айчүрөктөй көркөм, Каныкейдей акылдуу аял экенсиң, Мырзагүл дал өзүңдү тарткан экен, бар бол, көп жаша, кудагый, - деп ыраазы болуп турду Камчыбек.

- Аман бол, кудагый, сиздер менен бизди бактылуу карылыкка жеткирээр дал ушулар эмеспи, - деди Канымжан.

Бир аздан кийин Давлеткан эки баласы, кызы болуп базарга чыгып кетишти. Алардын жанына отургандан тайсалдап качкан Марат Райкандын үйүн акмалап жүрдү. Аны бир көргөндө жактырып калганына өзү да таңгалып: "Мен сүйүү менен жакшы көрүү сезимин айрып биле албай эле сүйөм дей берет окшойм, болбосо сүйүү сезими адамга бир эле келет, ал эч качан эскирбейт дагы картайбайт дешет го", - деп ойлоду. Көчөдөн Райкандын тосулуу короосунун ичине улам көз салып коюп үч күн аңдыды. Кечке маал болчу, көз байланып калган. Кыз өзүн көздөй келе жатканда апкаарый түштү. Дарбазанын ачылган эшигинин артына далдаланып жүрөгү лакылдап, дем тартпай туруп калды. Кыз эки жакты элеңдей карап бир азга турду да, кайра үйүнө басты. Аны токтотуп атынан атоого жигит даабады, "өх" деп үшкүрүп алып, шашыла илгичи илинбеген темир эшикти акырын ачып, башбакканда кыз артына бурула берди. Коркуп кетип каалганы катуу жаап жибергенде темир эшик тарс этип калды, кыз бир аз эшик жакты карап туруп, бери көздөй басып жөнөгөндө Марат кайда качаарын билбей калды. Ал короонун бурчуна жүгүрүп баратып кирээрге кычык таппай кайсактап калганда:

- Сизге эмне керек? - деген кыздын коңгуроодой үнү чыкты. - Ал жакта өтө турган жол жок! - Марат катып калгандай былк этпеди, бери кароого батынбай тура берди. - Кимдикине бармак элеңиз? - деди кыз кайрадан. Эми Марат кайраттана бери бурулуп, бирдеме демек болгондо, - Сизби, биякта эмне кылып жүрөсүз? - деп сурап жиберди Райкан.

- Кандай, Райкан? - Марат желкесин кашый күнөөлүүдөй басып келди.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - деди Кыз күлүмсүрөй.

- Баары ойдогудай, сени көргөндөн бери.

- Кызык, эмне үчүн?

- Сулуу кызды көргөндө акылдан азуу жигиттердин адаты эмеспи.

- Ошондой деңиз, - деп жылмайып койду кыз. - Эми өзүңүзгө келдиңизби?

- Кайдан.

- Макул анда, үйдөгүлөр көрсө камап салышпасын.

- Эмнеге?

- Кыздардын көчөдө балдар менен турганы өөн да…

- Райкан.

- Ийи.

- Сага бир сөз айтсам болобу?

- Айтыңыз угайын.

- Мен сени жактырып калдым.

- Анан.

- Мага турмушка чыгасыңбы?

- Кача-ан? - Райкан оозун баса көзүн бакырайтты.

- Окууңду бүткөндө.

- А мен университетке тапшырайын дегем да.

- Мен өзүм окутам.

- Болбойт го?

- Эмнеге болбойт, мен сырттан окуйм, а сен окууңа бара бересиң, өзүм тосуп алып турам.

- Ойлонуп көрүш керек экен. - Кыз бул жолу жер карап жооп берди.

- Райкан, жолугуп туралы…

- Ата-энем билип калса урушат.

- Көрсөтпөйбүз да, жок дегенде эки-үч күндө бир жолу.

- Мен турмушка чыгууга даяр эмесмин, али жашмын, сиз мага капа болбоңузчу, - деди Райкан акырын. - Эрте чыкканда болбойт деп атам көп айтат.

- Эмнеге, кыз деген он алты жашында чыкканы жакшы эмеспи, балким уйку көрбөй сени көздөгөн мен эле эмес чыгаармын, - деп Марат кызды суроолуу сынай карады. - Же жүрөгүңө жаккан адамың барбы, Райкан?

- Жок-жок, менин эч кимим жок, шашканда эмне?

- Анда эмнеге дароо жооп бердиң, мени көргүң келбедиби?

- Кыз кишинин жообу кеч, өзүндө наз болот дешет го, кадыры жок, баасы жок сүйүүдөн көрө капыстан кабылган тагдыр жакшы болот имиш, жигит сүйүп, жүрөгүмдү жаралап көрө элекмин.

- Андай болгону менен далайдын жүрөгүн жаралагандырсыз.

- Аны билбейм, ачык келип түз айткан жигит сиз болдуңуз.

- Жашыруун жүрө албайм.

- Аныңыз жакшы экен.

- Бирок сиздей сулуунун алдында өзүмдү бечара сезип кеттим.

- Сизге ошондой сезилсе керек, менин маңдайымда жарашыктуу, салмактуу сүйлөгөн көркөмдүү жигит турат, - деп жылмайган кыз үй жагын бир жалт карады да, - Мен кирейин, жолугам десеңиз күн алыс ушул жерге келип, дарбазаны үч жолу тарсылдатыңыз, - деген бойдон жүгүрүп кирип кетти.

- Жарайт, - деп Марат бир саамга дарбазаны тиктеп туруп, артына бурула бергенде жанына келип калган адамды көрүп шашып калды. - Саламатсызбы?

- Саламат, бул жерде эмне кылып жүргөн немесиң? - деди тигил күмөнсүрөп.

- Аа-а, жөн эле…

- Жөн эле мал жүрөт, айбан жүрөт, адамдар жумуштап гана жүрүшү мүмкүн, малга ууру келип жатат, каматып койбоюн, болбосо чыныңды айт.

- Байке, мен ууру эмесмин.

- Көрүнүп турат, мал эмес адам уурдаганы жүргөнсүң го? - деди тигил адам коңур үнүн кекээрдүү чыгарып.

- Жо-жок, - деп Марат басып кетмек болду эле тиги:

- Токто! - деди.

- Сизди угуп жатам. - Марат жер карап сөз күттү.

- Кайда окуйсуң, студентсиңби?

- Геология институтунда…

- Студент болсоң анык ач карышкыр турбайсыңбы, кайда жашайсың, жатаканадабы?

- Жок, эжемдикинде.

- Эжең кайда турат?

- Бул эле жерде, - деп колун көчөнүн башы тарапка жаңсады.

- Ким ал?

- Жездемдин аты Эрнис.

- Оо, тиги айыл чарба министрлигиндеги Эрнис Камчыбековичпи?

- Ошол.

- Ой, ат-тааңдын оозунач-чайын десе, коңшу турбайлыбы, кир үйгө, даам сызып чык, - деп дарбазасын ачты. - Кир, жигит, мен Эрнисти тааныйм, аялы мектепте иштеп жүрүп, иштебей калды. Чыны эжеңе окшош экенсиң, - деп бакылдап үйүнө ээрчитип кирди. Үйү заңгыраган, кызыл кирпичтен экен, короо сарайлары узунунан жабылган, эшигинин алдында ар түрдүү гүлдөр аңкыйт, бир бастырмасында жүзүм шагын ийип түйүп калыптыр. Марат алдыда бакылдап бараткан адамды ээрчий унчукпай баарына көз салып келатты. - Көрүнчү эмес элең, жакында келдиңби?

- Ооба.

- Кир эми үйгө, - деп болбой ичке киргизди. - Кызым, конок келди, чай алып кел! - деди отуруп жатып. Ал ары жактан келе жатып эле Мараттын кызы менен турганын көргөн. Батырбек Койчубаев деген киши, кызматта жүрүп пенсияга чыккандан бери үйүндө, үч эркек, бир кызы бар. Марат негедир көргөндө ага жага түшкөн, Эрнисти угуп ого бетер кымыңдай түштү. Батырбектин башынан бир адаты бар, өзүнө жаккан адамга өзгөлөтө мамиле жасайт, жакпаса бир көргөндө баш тартат. Дагы бир сапаты ошол бир көргөндө кандай адам экенин дароо билет, жаңылбайт дагы, кыскасы көрөгөчтүк касиети бардай жүрөт. Болгону жаш кезинде кудай жок деп айтып алып, төшөккө жатканда ошол күнөөсү үчүн кечирим сурап жаратканга жалынчу. Эми Маратты көргөндө: "Кызыма жар болсо ушул болот, көзүм өткөн кезде жеңелерине ыйлап келгидей болбосун", - деп ойлоп алды. Райкан жүзү албыра уялып дасторконго чай-нанын койду. Үстөлдүн үстү ансыз дагы толгон тамак-аш экен, чыныга чай куюп сунду.

- Кызым, бул жигит Мырзагүл эжеңдин иниси экен, даам ооз тий деп киргиздим, - деди Батырбек баса-баса сүйлөп. - Баса, атыңды сурабапмын.

- Мирсаид, бирок баары Марат дешет.

- Демек Марат экенсиң да, мени Батырбек аке дей бер, мына бу кыздын атасы, ушул үйдүн ээси болом, - деп Батырбек бакылдап жатканда сырттан Райканга түспөлдөшүп кеткен аял кирди. - Мына-мына, бул аялым.

- Эмне болду анчалык? - деди Зулайка күйөөсүн жактыра бербей.

- Ой бул жигит бу көчөдө жүрүптүр, сүйлөшүп калдык. Эрнистин кайниси болот экен, анан чай ичишип отурабыз.

- Аа-а, Мырзагүлдүн иниси болосуңбу? - деп Зулайка Маратка кайрылды. Ансыз дагы тердеп-тепчип зорго отурган Марат баш ийкей жооп кылды.

- Ооба-ооба. Эжеңди тааныйм, абдан жакшы келин, чогуу иштешип калдык.

- Ийи, - деп тим болду Марат, улам Райканга көз салып койот.

- Окуу кандай анан? - деп койду Батырбек.

- Жакшы, келээрки жылы бүтөм.

- Азамат, жездең ало-о деп койсо баары бүтөт, анын кадыры чоң, бир жакшы жери бир көтөрүлүп бой көтөрбөйт.

- Ооба-ооба…

- Ич чайдан.

- Аке, мен кетейин рахмат сиздерге, - деп Марат шашыла бата кылды.

- Оой, эмне анчалык шаштың?

- Кетейин, - деп жер карай жооп берди.

- Аа-а, макул анда, келип тур, - деп Батырбек бата кыла кошо туруп, узатып чыкты. Зорго турган Марат Батырбек менен тез эле коштошуп дарбазадан чыкканда эс ала түштү. "Мындай азапка кабыла элекмин, кайнаталуу болуш абдан оор го, өзү да сүрдүү адам экен. Буйруса жакшы үй-бүлөгө кабыла турган болдум", - деп кудуңдай жездесинин үйүнө келсе апасы базардан жаңы эле келиптир.

- Сен кайда жүрөсүң, балам, бул койду өзүңөр сойо койгула, - деди Давлеткан аны көрүп эле.

- Эмне кылып жатасыз, апа?

- Унчукпа, - деп уулунун кулагына шыбырап койду. - Күйөө баламдын чоң болуп иштегенин билдим, кызымдын эртең туулган күнүн кантип билмексен болуп кете берем, балам, - деди мулуңдай. Ошентип бүт баарын өзү даярдап алдырып келип, кызына өзү каалаган кийимин алып берди. Мырзагүл аябай ыраазы болду, бирок ал эч нерседен өксүк болуп өспөгөндүктөн анчалык деле өзгөлөнгөн жок, болгону атасынын айткан керээзин аткаруу менен өзүн төрөгөн аялды көрүүгө кызыккан. Давлеткан кетээрде Мараттан качан үйлөнөөрүн сурады эле ал:

- Бир жылдан кийин, - деп бурк этип койду.

- Ботом, бир жылга чейин жүрө бермек белең, үйлөн да, аялың менен шаарга келип жаша. Окууңду бүтсөң айылга барып иштейсиң.

- Шаарда калам.

- Ийи?

- Ишти шаардан башташ керек, айылда иштесең ошол бойдон жүрө бересиң. Бияктан тез көтөрүлсө болот, анын үстүнө жездемдин кадыры чоң имиш, эптейт да өзү.

- Мейли, балам, өз билгениңди жаса, бирок үйлөн отузга чыккыча бойдок жүрө бересиңби?

- Бир жылдан кийин дебедимби.

- Макул, өзүң бил, биз эми кетели, Нурсейиттикине барып турсаң боло.

- Аларың өздөрү тар үйдө турса, каягына батам?

- Эмне кылайын, баарыңарга үй алып бергенге кудуретим жетсе го. Кой, балам, жакшы жүр, окууңа барып кабар алып тур, мен силерди адам болсо экен дегенде эки көзүм төрт. Ылайыктуу кыз-келин болсо издей берейинби?

- Кереги жок, апа, андан көрө эмдиги жылы жазда алып барам, ошого жакшылап камына бер, жакшы жерге кудагый болосуң, - деп күлүмсүрөй апасына карады.

- Ошентип эле кадырлуу куда-кудагыйлуу кылып, чалкалап баса турган болсом кана?

- Шашпа, апа, мына күйөө балаң чоң экен го, эми биз дагы өсөбүз, Айжан окуусун бүтүп алса мугалим болот, - деп эне-бала эшикте сүйлөшүп отурганда Мырзагүлдөр баштыктарын алып чыгып, машинага салып жатышты. Вокзалга чейин Эрнис жеткирмек. Давлеткан кызы, неберелери менен таттуу коштошуп машинага отурду. Айжан экөө эле, эки баласы кеткен. Марат менен Мырзагүл дагы отурду. Автовокзалдан Ошко кетчү унаага салып коюп, анан үйлөрүнө кайтышты.

Калыс жүгүн Оштогу курбусу Анарага салып жиберген, өзү Саратовго келип, автобуска отурду. Ал Анарага, Панаркүлгө да кат жазып турчу. Анын келээрин угуп, Анара курбусун тосуп алды.

- Келгиле, кандай келдиңер, узак жолдо кыйналган жоксуңарбы?

- Жо-ок, балам бир аз кыйналды окшойт.

- Кыйналбай анан, үйгө барып эс ал эми, - деп Анара кийим-кече салынган сумкаларын көтөрүп үйүнө алып келди. Күйөөсү Талант аларды жаркылдай тосуп алып, баланы Калыстын колунан ала койду.

- Оо, чоң жигит болуп калган тура, мунун атасы сага таптырбай кеттиби?

- Ооба, үйрөнгөн адаты калмак беле? - Калыс көңүлсүз жооп берди. - Ошого ишенген мен айбан да, балам үчүн макул деп койбодум беле…

- Кейибей эле кой, өзүнө жаман, сен балаңды кор кылбай багып жашап кетесиң, ал жолдо калат, көрөсүң го? - деп Анара жайкай сүйлөп, дасторкон жайып чай алып келди. Калыстын жүрөгү тыз-тыз этип тагдырына нааразы болуп отурду. Урунттуу мезгилинде алдыдагы максаттары талкаланып, өчкөн оттой муздап, акыры бозоргон гана күлү калгандай өзүнөн-өзү кичирейип, жок болуп бараткансыды.

- Ойлонбо, аяш, бул турмушту баары болот, сен эле бекенсиң, толуп жатат, капаланба эч качан, курбуң экөөбүз жардам беребиз, - деп Талант анын көңүлүн көтөрүмүш болуп жатты. Бирок Калыс ал жерде көпкө тура албады. Анткени Анаранын эки баласы бар эле, күйөөсү экөө тең жумушка кетип, үч баланы кароо ага өтө оор болду, өзүнүн табы айнып жаткандыктан кыйналып кетти. Бир күнү аларга ачык айтып, Панаркүл эжесинин үйүнө бараарын айтканда алар каршы болгон жок. Панаркүл менен бир туугандай жакын мамиледе эле, ал аны кубана тосуп алды. Панаркүлдөр ага күйөө таап койгон экен. Турдубек менен бир көрүшүп эле ага турмушка чыгып алды, Казакстандан келгенине он күн болгондо келин болуп калды. Турдубек анын баласына өгөйлүк кылган жок, мамилелери жакшы, кечке жумушта болуп кеч келет. Жашоолору ойдогудай, жыл айланганда кыз төрөп алды. Андан кийин уул төрөдү. Ошол күндөрдүн биринде үйүнө Турдубектин мурунку аялы келип калды. Бурулдун Турдубектен бир баласы бар, бул кезде Турдубектер өздөрүнчө үй салып алышкан. Үйү абдан жакшы тургузулуп, анын жанына узунунан кылып тогуз бөлмө салышкан, эшигинин алды бак-дарак. Каалгалары бири-бирине окшош заңгыраган үйдү көрүп, Бурулдун ичи тарыды. Кирип келип эле Калыс менен учураша кетти:

- Кандайсыңар?

- Жакшы, келгиле.

- Ушул заңгыраган үйдө жашап жаткан турбайсыңарбы, баары өзүңөрдүкүбү?

- Ооба, башка кимдики болмок эле.

- Менин келгениме капа болбо, биз ажырашканбыз, бирок балабыз бар, - деди Бурул Калыска. Калыс көп сүйлөбөгөн, бирөөгө жамандык ойлобогон жоош-момун келин болгондуктан андан арамдык күтпөдү.

- Келе бергиле, мен дагы бузуп тийген эмесмин, балаңар турганда жолугуп, сүйлөшөсүңөр да.

- Сендей түшүнүктүү аялга туш келген экен Турдубек, - деп Бурул шыпшына отуруп калды.

Калыс чай берип, тамак жасап коноктогончо ал кетүүнү ойлогон жок, кеч болуп калгандыктан ал күнү жатып калды. Байкатпай Калыстын жоолугун катып алды, котур ташы койнунда болгон адамдын оюнун баары ыплас болот эмеспи. Ошондон кийин ал дагы келди.

- Кел-кел, кир үйгө, - деп Калыс жаман ойлобой эле тосуп алды.

- Жок, кирдим, Турдубек жокпу?

- Жок, эмне болду?

- Менин үч миң сомум бар эле, балама деп катып жүргөм, колумда болсо коротуп алам, Турдубекке айтпай катып койчу, мен керек болгондо алып кетем.

- Макул, өзүң ката албасаң катып койойун, - деп Калыс күлүп калды.

- Акчаны өзүм сактай албайм, керек болгондо жок кылып салам, - деген Бурул целлофанга оролгон акчаны Калыска берди да, шашыла жөнөдү.

- Чай-пай ичип кетсең боло?

- Жок, шашылыш элем, - деп кетип калды. Калыс унчукпай акчаны целлофандан чыгарбай да, санабай да өзүнүн чемоданына салып койду. Ошол бойдон өз ишине алаксып кетти. Бир күнү коңшусунун аялы менен сүйлөшүп отуруп:

- Турдубектин мурунку аялы мага үч миң сом каттырып койгон, ачып да көргөнүм жок, - деди күлүп.

- Ай анда жөн тургуча мен алып иштетип турбайынбы? - деп калды Сабия, алардын дүкөнү бар, күйөөсү милиция болуп иштейт.

- Сурап келип калсачы?

- Келсе чыгарып берем да, дүкөн турбайбы.

- Макул, дароо таап берсең берейин.

- Таап берем, эртең какраз товарга кетип жаттым эле.

- Алып келейин анда, - деп Калыс үйүнө кирип алып чыкты. - Өзүң сана, мага үч миң сом деген.

- Үч миң болсо үч миң да, - деп Сабия кубана целлофанга оролгон акчаны алып үйүнө жөнөдү.

Ошол эле күнү кечке маал Сабиянын күйөөсү кусуп жатып, ооруканага жетип-жетпей үзүлүптүр. Көрсө баягы акчаны Бурул тажик молдого окутуп, Калысты атайын өлтүрүү үчүн алып келген экен. Бурул алардын үйүнө келгенге чейин Турдубек менен кайрадан мамиле түзүп алган эле, анан үй-жайын көргөндөн кийин Калысты өлтүрмөк болуп, жоолугун окутуп мүрзөгө көмүп койгон.

Көп өтпөй кыйынчылыкка туш болуп, Калыс ишке орношту, балдары чоңоюп калган. Ал кожвендиспансерге кирип, кайрадан иштей баштады. Турдубектин эч нерсе менен иши жок, кээде келсе, кээде келбей калып жүрө берди. Калыс баарына кайыл, төркүндөрүнө бара албайт, эптеп балдары менен өз оокатын өткөрө бермек болду. Жайдын толук кези, июль айынын бешинде иштешкендери менен чогуу медиктердин күнүн белгилемек болуп ресторанга келишти. Башкы врач дагы алар менен чогуу отурган. Бир кезде Калыс менен мамилеси жакшы болуп жүргөн Лариса аттуу келинге тост келип калды эле, ал ордунан туруп:

- Урматтуу коллегалар, сиздерди бүгүнкү медиктердин күнү менен куттуктайм, баарыңардын ишиңерге ийгиликтер боло берсин демекмин. Жана ошондой эле ушул жерде отурган курбум Калысты бүгүнкү күнгө туш келген туулган күнү менен куттуктайм! - деп Калыстын жанына келип, бетинен өөп гүлүн бергенде отургандар кол чаап калды. Башкы врач Ларисаны карап:

- Эмнеге ушундайларды ортого салбайсыңар, баарыбыз чогуу куттуктап коюшубуз керек эле, - деп калды. Анткени Сатыбалды ооруканага башчы болуп жаңы эле келген.

- Агай, кечириңиз, айтканды унутупмун, - деп Лариса уяла жер карады.

- Эч нерсе эмес, туулган күнүмдү өзүм деле унутуп калгамын, - деп Калыс күлө карады.

Сатыбалды жанындагы отурган Болотко шыбырап койду эле ал сыртка чыгып кетти. Өздөрү отурган үстөлдүн туурасындагы бош орундукка тамак-аш ташытып, ортодо турган гүлдөрдөн Калыска берип жатышты. Ошондо бул Калыстын өмүрүндөгү эң бактылуу мүнөттөрү экени жүзүнөн сезилип, эки бети анардай албырып турду. Бир кезде Сатыбалды:

- Кеңешбаева Калысты бул жакка чакырам! - дегенде баары жапырт карап калышты. Калыс уялыңкы ордунан акырын турду да, Сатыбалдыга маңдайлаш отургучтан орун алды. Сатыбалды коньяк куюлган рюмканы колуна кармап, тост айтып, Калыска чоң букет гүл карматканда:

- Рахмат! - деди ал ыраазылык билдире.

- Сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен!

- Рахмат.

- Ар жылы медиктер күнү менен сиздин туулган күнүңүздү бирге майрамдайбыз, буйруса. Кана эми, ушуну ак алып коюңуз, - деп башкы врач Сатыбалды коньякты өзү сунду. Калыс ага чейин дагы бир-эки куюмду алганга саал кызый түшкөн.

- Рахмат сиздерге, ушунчалык көңүл бөлүп, мени куттуктаганыңыздарга ыраазымын! - деп албыра алып жиберди.

- Туулган күнүң кут болсун! - дешип баары бир ооздон айтып, алып жатышты. Андан кийин Сатыбалды аларга кайрылды:

- Эми бул отурушту өзүбүздүн ишканадан улантсак кантет?

- Эң сонун болот, шеф! - деди жардамчысы Алибек.

- Жарайт, кеттик анда, - деп Сатыбалды ордунан турганда баары жапырт чыгышты. Ошентип алар ишканага келип, дагы көпкө отурушту, Калыс кыйла кызып калды.

- Эми менин үйүмө барабыз, - деди ал баарын сыдыра карап.

- Жок, болбойт, бүгүн кеч болуп калды.

- Боло-от, менин үйүмө барбасаңар таарынам, - деп болбой эле айта бергенде Сатыбалды аны өзүнүн машинасы менен жеткирип койду. Калыс теңселип араң киргенде эле Турдубек баласы экөө аны жаткырып койду, бажырайган гүлдөр менен бирге баштыкка бир бөтөлкө арак салып коюшкан. Эртең менен башы зыңгырап ойгонгон Калыс үстөл үстүндөгү гүлдөрдү, жанындагы бөтөлкөнү көрүп, улуу баласы Каныбекке карады.

- Тигил аракты ким алып келди?

- Мен камоктон жаздырып апкелдим.

- Эмнеге, сени ким арак алып кел деди?

- Тамаша, - деп Каныбек күлүп койду. - Өзүңүз алып келбедиңизби кечээ?

- Аа-а, атаң жумушка кеттиби?

- Ооба, эмнеге көп ичтиңиз, апа?

- Туулган күнүмдү куттуктап ичирип коюшту, - деген Калыс кечээги бактылуу көз ирмемдерди бир саамга элестетип алып: "Менин эң бактылуу күнүм ушул болду. Аттиң ата-энелүү болуп туруп, алардын мээримине зар болдум, туулуп-өскөн жериме каалаган учурда бара албадым. Кантейин, аргам жок, балдарымды өбөк-жөлөк кылып, өмүрүм өткөнчө жүрөк башындагы арманымды айтууга, сырдашып сырымды төгүүгө эч ким жок, көкүрөк толгон муң менен жашап өтөөрмүн", - деп ойлонуп ордунан турду.

Ошентип бактылуу менен бактысыздын бул өмүрдөгү көргөн күнү, таткан тузу бирдей болгон соң, тиричиликтин машакаттуу да, түйшүктүү да күндөрү өтүп жатты. Арадан бир топ убакыт өтүп, жашоо өзгөрүлүп, кыйынчылык башталган кезде акча керек болгонунан процентке акча алалы деп чечишти. Айлыгы эчтекеге жетпейт. Ошол убакта колунда барлары бизнеске кирип, кээси үйүнө дүкөн ачып, орто жашагандары тамак-аш жасап базарга чыгып калган. Процентке акча бере турган аялды издеп барып, Калыс эки миң доллар алды. Алганы менен аны дароо эле Замир деген таанышы үстөгүн көп төлөйм деп сурап алды. Ал ошондо Россияга каттап жаткан. Калыс ага ишенип берип койду да, ишин улантып жүрө берди. Акчасын алып кеткен Замирден дайын болбой эки жыл дегенде акча берген Гүлайкан деген келин күйөөсү экөө келди.

- Акчаны алган бойдон үстүн бербедиңер, үйүңөрдү алып койобуз, - деп опурулду күйөөсү Алимжан.

- Эже, аке, бир аз күтсөңүздөр, алып келип калат, ал акчаны мен бирөөгө бердим эле.

- Менден сен алгансың, ишим да жок, үйдү бошотуп койгула.

- Эмнеге бошотом, алган аялымдын өзүн эмне кылсаңар ошол кылгыла, мен билбейм, - деди Турдубек.

- Экөөбүз кеңешип эле албадык беле? - деп Калыс күйөөсүн ыйламсырай карады. Турдубек кычырай ары басты:

- Ишим жок, өзүң төлө!

- Турдубек, бул эмне дегениң, балдарыбыз турат го?

- Балдарды ортого албай эле кой, мен төлөбөйм, үйдү дагы бербейм, - деп экөө уруша баштаганда Гүлайкан менен күйөөсү кетип калды.

- Турдубек, үйдү сатып, карызды берели да, эптеп батирде жашап туралы, анан иштесек кайра там алып алабыз, - деп Калыс күйөөсүн жалдырай карады.

- Былжыраба, үйдү сатпайм, сен өзүң кутул!

- Ал эмне дегениң, кантип өзүм кутулам?

- Эмне кылсаң ошо кыл.

- Тилимди алсаң, Турдубек, мен жалгыз кутулмак белем, үйдү саталы, анан шаарга иштеп акча таап, кийин кайра сатып алабыз. Балдар да чоңоюп калат, карыздан кутулуп алсак калган акчаны иштетебиз.

- Оюңа да алба, үй сатылбайт, шаарга өзүң иштеп кутула бер, үмүт кылба, балдардын чоңураактарын ал да, барып иштеп таап бер, - деп Турдубек жиндене сөздү токтотту. Калыс ыйлап туруп айлыгын алып, иштен чыкты. Үч баласын алып шаарга жөнөдү, көзүндө жаш, көкүрөгү толо арман. Эң кичүү баласы атасы менен калды. Ошентип кыжы-кыйма болгон борборубуздун чоң базарына келди. Эл уктабай калган экен, жайдын күнү тачкисттер тачканын эле үстүнө томурайып уктап, таңкы саат беште дүңүнөн сатылчу базарга шимшилеп жөнөшөт. Калыс келип, батирге орношту. Пирожки жасап сатмак болуп ала келген буюмдарын жайгаштырды. Эртеси керектүүлөрүн даярдап алып, үч баласына пирожки жасап берет, алар дембе-дем сатып келип жатты. Билинбеген менен убакыт зыпылдай өтүп, бир жыл болгондо процентин бергени Ошко, өз үйүнө келди. Эчтекеден кабары жок эле үйгө кирип баратканда алдынан кызыл халатчан жаш келин чыга калды.

- Сизге ким керек? - деп бөйрөк таяна туруп калганда Калыс: "Шүмшүк, үйдү мен кеткенден кийин сатып ийген го", - деген ойдо сыпайы гана:

- Бул үйдүн ээси кайда экенин билбейсиңби, чоң кыз? - деди.

- Ким эле ээси? - деп таңгала карады келин.

- Турдубек, менин күйөөм.

- Эмне-е, Турдубек менин күйөөм, ал эми сени көргүсү келбейт! - деп терс бурулду.

- Эмне дедиң, Турдубек кантип эле аял алып алсын? - деп Калыс эмне кылаарын билбей турганда үйдөн Турдубек чыга калды.

- Сен эмнеге келдиң?

- Мен үйүмө, күйөөмө келдим, бир жылдын ичинде кандай өзгөрүү болуп кетти?

- Өзгөрдү, башка аял алып алдым, эми келчү болбо!

- Эмнеге келбейм, бул үйдө менин да акым бар экенин унутпа, мен сени менен соттошуп болсо да өз үлүшүмдү алам, - деген бойдон Калыс шарт бурулуп басып кетти. Ызаланып ыйлап Анара курбусунун үйүнө барды. Алар жакшы тосуп алып, коноктошту. Эртеси Калыс проценттин үстүн берип, кайра шаарга жөнөдү. Дээринен адамга жамандык кылбаган Калыс шаарга келип, ишин уланта берди. Кээде башы айланып, көңүлү айнычу болду. Бир күнү кызын эстеп Алайга барып келүүнү ойлонуп, кызына бир сыйра кийим-кече алып жөнөп калды. Ал кезде кызы он эки-он үчкө чыгып калган болчу. Давлеткан Калысты жакшы кабыл алды. Мырзагүл өзүнө окшоп жакшынакай болуп чоңоюп калыптыр. Кучактап ыйлап, сагынычы тараган соң кайра тартты. Жолдо келе жатканда алдынан цыган аял чыгып:

- Сизге бал ачып берейин, - деди эле болбой кете берди.

- Кереги жок, сага берээр акчам да жок!

- Мага сенин акчаң керек эмес, бир сөз айтышым керек, - деп артынан калбай ээрчип алды цыган. - Сенде дуба бар, өлүп каласың.

- Ансыз дагы өлгүм келип жүрөт.

- Антпе, андан көрө сөзүмдү ук.

- Убактым жок.

- Эй, катын, сөзүмдү ук, мен сенден эч нерсе албайм, - дегенде Калыс ойлоно токтоп калды.

- Анда айта бер.

- Сенин жоолугуңду бир аял уурдап барып дубалатып, мүрзөгө көмүп коюптур, ал чирип баратат, ал толук чирисе сен өлөсүң.

- Эмне, ким дубалатат?

- Бир аял, анын сага көптү кылганы бар, үй-бүлөңдөн ажырашыпсың, акча дубалатып бериптир, эгерде акчаны ачып кармаганда өлмөксүң, сенин ордуңа башка бирөө өлгөн.

- Чын элеби? - Калыстын көздөрү чакчайып кетти.

- Болду, айтаарымды айттым, эртерээк жандырбасаң өлүп каласың, - деп цыган артын карабай басып кетти.

Калыс ойлуу курбусу Анарага келди да, ага цыган аялдан укканын айтып, көзү ачык төлгөчүгө барышты. Төлгөчү аларды көрүп эле:

- Келээриңди билгемин, - деди төлгөсүн тартып.

- Эже, жардам бериңиз, ушул чынбы? - Калыс ыйламсырай маңдайына отурду. - Мен өлүп каламбы, эже?

- Өлбөйсүң, алдын алышыбыз керек, азыр көрөбүз, - деп таш менен төлгө тартып кирди. - Өтүшүп баратыптыр, сен жети жумуртка менен ийне алып кел, дубага каршы окуйм.

- Макул, эже, качан алып келейин?

- Бүгүн болсо бүгүн, канчалык эрте болсо ошончолук жакшы болот, - деди көзү ачык аял.

- Болуптур, эже, мен бүгүн эле алып келем, - деп Калыс Анара экөө базарга келишти. Жети жумуртка менен жети ийнени алып кайра барышты. Төлгөчү аларды көпкө чейин окуп, анан ийнелерди ар бирин жумурткага сайды эле эч нерсе болгон жок. Баары бүткөндөн кийин чарчы акка ороп Калыска берди.

- Муну бир көрүстөндүн четине алпарып көмүп, артыңа карабай кет, - деди.

- Рахмат, эже, - деген Калыс ага ыраазычылык билдире жайнамазынын астына эки жүз сомдук бир кагазды бастырып, ордунан турду. Аерден чыгып, Анараныкына келишти. Эртеси курбусу экөө мүрзөгө барып, ак кездемени көмүп, аркаларын карабай тез-тез басып кетишти. Ошондон баштап Калыс өзүн жеңил сезип калды, анан күйөөсүнө жини келип, шаарга камынып жатканда Бурул жолугуп, акчасын сурады.

- Мен акчама келдим эле.

- Акчаңды бирөөгө бергемин, алып берем.

- Мага азыр керек.

- Уятсыз, мен сени өзүмө окшогон аял деп аясам сенин арам оюң бар экен да, бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн дегенди билесиңби? Турдубекти тартып алам деген оюң ишке ашпай калдыбы, сени эмес башка аялды алып алыптыр, - деди Калыс ачуусу келе.

- Эмне деп жатасың, мен эчтеке кылган жокмун, - деп Бурул билмексен боло кызаңдап кетти.

- Эчтеке кылбасаң жоолугумду таап алып келип бер, акчаңды анан аласың.

- Эмне болгон жоолук, мен эчтеке билбейм.

- Билесиң, сага окшогон гана аял болбосо намысы бар аял ажырашкан күйөөсүнүн үйүнө жатмак турсун барбайт да. Сен атайын барып, дуба окутканың үчүн күнөөгө баттың, кудай жазаласын сени, азыр акчаңды алып келип берем, - деп Калыс коңшусуна барды, ал акчанын үч жүз элүү сомун кемитип, таппай калды.

- Жетпей жатат, эртеңкиге күтөсүңбү?

- Ой, жо-ок, ушуну алып барып берем, - деп Калыс акчаны алып жөнөп кетти, келсе Бурул күтүп туруптур. - Мына акчаң, үч жүз элүү сом кемип калды, кийин аласың.

- Жок, мага толук керек.

- Анда эчтеке бербейм, менин өлүмүм үчүн берген акчаңдын азабынан бир бейкүнөө адам өлдү! - деп жини келип басып кетмек болгондо Бурул аны токтотту.

- Калыс, мен эчтеке кылган жокмун, болгонун бере бер, - деди эле Калыс акчаны колуна карматып, кетип калды. Эртеси Бишкекке жөнөдү, ал келсе кызы менен эки уулу соодасын токтотпой пирожкини сатып жатыптыр.

- Апа, атам кандай жатыптыр? - Кызы Насип аны суроолуу карады.

- Жакшы жатышат, кызым, - деди Калыс ойлуу, жүрөгү тыз-тыз эте сайгылашып балдарына атасынын үйлөнүп алганын айткысы келбеди.

- Алтынбекчи, ал жүрөбү?

- Жүрөт, чоңоюп калыптыр.

- Ала келген жоксузбу?

- Жок, жүрө берсин.

- Апа, биз акча жыйнап койдук, соода жакшы болуп жатат.

- Садага кетейиндерим, ошентип соода кыла бергиле, буйруса карыздан кутулуп алсак жашообуз оңолуп кетет, айланайындар, - деди Калыс шуу үшкүрө.

- Карыздан кутулсак үйгө барабызбы? - деп сурап калды уулу Каныбек.

- Жок, балам, биз шаардан үй алабыз, силер үйлөнөсүңөр, анан Наси күйөөгө чыгат, анан бактылуу болобуз, уулум.

- Атам дагы шаарга келеби? - Жаныбеги дагы сурады.

- Атаң келбейт, балам.

- Эмнеге, Алтынбек экөө эле кала береби?

- Балдарым, атаңар аял алып алыптыр…

- Эмнеге? - Наси жасап жаткан ишин таштап коюп, жалдырай көздөрүнө жаш толо туруп калды. Калыс сүйлөй албай бир саамга туттуга түштү. - Эмнеге атам аял алат, карызыңды өзүң төлө дегени аз келгенсип аял алып алганы эмнеси, бизди ошол аялга кыйганбы, апа?! - Насип апасын кучактап ыйлап ийди. Эки уулу тунжурап отуруп калышты. Калыс өзүн кармана кызын чачынан жыттап, бооруна кысты.

- Балдарым, атаң эле эмес, жашоодо боло берет, балдарын таштап, башка аял алып кеткендер толтура. Атаңарды күнөөлөй бербегиле, биз өзүбүз иштеп, бутубузга туруп алсак, силер чоңоюп үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болсоңор мен балпайган бактылуу аял болом, мен силер менен бактылуумун, - деди да, өйдө болду. - Эч нерсени ойлобогула, ишке киришели, балам, эми өзүбүзгө-өзүбүз гана ишенүүбүз керек.

- Атамды мен жек көрөм, апа, - деди Жаныбек ызырына.

- Кой, балам, атасын дагы жек көрчү беле?

- Анан эмнеге аял алып алат?

- Мейли, балам, аял алса алсын, шарты ошондой болуп калды.

- Баары бир жаман көрөм.

- Антпе, сен дагы чоңойосуң, түшүнөсүң баарын, - деп Калыс уулун башынан сылап отуруп, өзүнүн бала кезин эстеди. Баккан энесинин колунда гана көңүлү кушубак болуп, каалаганын ичип, каалаганын кийип, апалап эркелеген. Ошол Сайра апасы гана чачынан сылап, жыттап эркелеткен экен. Өзөгү өрттөнө ачуу буу бүрккөн үшкүрүк көөдөнүн жарып өттү, балдарынын алдында өзүнүн сынып турганын билдиргиси келбеди. Жүрөгүндө сыздап, көөдөн-көкүрөгүн тээп турган ызаны сездирбей ачуу арманды кылк жута телмирип отуруп калды. Ошентип алар өз оокатын өткөрө баштады, күндөр айга алмашып отуруп улуусу үйлөндү. Каныбеги өз жашоосун өзү өткөрүп, келинчеги да өздөрүнө ылайык болуп, Калыстын көңүлү тынып калды. Наси бойго жетип калган кезде Мырзагүл келди, ал апасына каттап, бир туугандары менен таанышып алган. Көп узабай шаардан тааныш таап Россияга кетти, Каныбеги да ошол жакта, жанында Жаныбеги калган, кичүү баласы эс тарта баштагандан бери телефон чалып калат. Турмуш-тиричилиги өз жолу менен өтүп жатты. Жаныбек оорукчан болуп калды, ички органдары бүт ооруйт, кээде ичип алса колу да тийчү болду. Бир күнү Калыс батирине келсе Жаныбеги кызуу экен, ансыз дагы врачтарга көрсөтүп, дары-дармектерге тапканын жумшап отурганына карабай ичип алганына эненин ачуусу келди.

- Балам, эмнеге ичип алдың, өзүбүз минтип батирден-батирге көчүп-конуп жүрсөк, - дегенде:

- Эмнеге ичпе-ичпе дейсиң, мен оорукчанмын, акыры өлөм! - деп жиндене бакырды.

- Антпе, балам, кел эми жатып эс ал, - деп колунан алып жаткырмак болгондо силкип жиберди эле Калыс ары сенделип барып токтоду.

- Болдугулачы, мен баары бир өлөм, менин ден-соолугум начар, андан көрө ичип жатып өлгөнүм жакшы!

- Бала-ам, - Калыс муңкана ыйлап турду, - колумдан келишинче дарылатып жатам го, сен сакайып кетесиң.

- Кайдан сакаям, оорубаган жерим жок, а биздин колубузда акча деген жок, оорукчан болуп үйлөнө албай да калдым, - деп кыйшая жатып алды Жаныбек. Калыс анын жанына отуруп, ыйлап да, сүйлөп да жатты.

- Уулум, сен өзүңдү антип түшүрбө, мен болгонумду жумшап дарылатып жатам, сен сакаясың, эгер жактырган кызың болсо айт, үйлөнтөйүн…

- Мендей оорукчан немеге ким тиймек эле?

- Эмне сенин башкалардан бир жериң кем беле, алып келсең эле тийет.

- Анда сүйлөшүп көрөйүнбү, апа?

- Сүйлөш, балам, мен даярдана берейин, өзүңдү түшүрүп ар кайсыны ойлой бербе, садагам. Мен энеңмин, сен үчүн баарына даярмын, балам, эне баласы үчүн жанын берүүгө туура келсе ага да даяр, - деп сүйлөп жатканда Жаныбек уктап калды. Түн термете уйку көрбөй ойлонуп чыккан Калыс таң эрте туруп, тиричилигине киришти. Бул анын көнүмүш жашоосуна айланган, бирок али да болсо көңүлүн өйүгөн оор санаасы проценттин акчасы.

Насип бойго жетип калганда бир кырсыкка кабылды. Ага бир Толик деген таанышы нашаа сатууну сунуштап, көп акча табаарын айтты эле байкуш кыздын көз алдына апасынын карызы тартылып: "Апамды карыздан куткарып алсам болду, эмнеси болсо да макулмун", - деген ойдо Толик менен жашыруун жолугушту.

- Кана, менин айтканыма макулсуңбу? - деди Толик.

- Макулмун, бирок алдын ала эки миң доллар бересиң.

- Ишенимдүү болсоң албетте берем.

- Мен баарына даярмын, сени менен иштөөгө макулмун.

- Анда эртең ушул маалда кел, товарды, акчаны алып келем, бирок сак бол, негизи кыздардан анча шекшибейт, мен айткан жерге алып барасың, - деди Толик сырдуу жылмайып.

- Жанымды оозума тиштесем да жеткирүүгө аракет кылам.

- Жарайт, бирок сак болууну унутпа, кылт этсең колго түшөсүң.

- Түшпөйм.

- Макул анда, эртең ушул жерден көрүшөбүз, поездге белетти кошо алып келемин, дареги ичинде болот. Товарды жаныңа албайсың, аны балдар жүктөп берет, сен жалаң жаңгак ташыйсың. Ошону көрсөтүлгөн дарекке жеткирсең болду, келгенден кийин үч миң доллар аласың, жетээриң менен дароо мага чал.

- Сөзсүз чалам.

- Анда бара бер, - деди да, Толик ары карай кетти. Насип ойго бата апасына келди, эне кызынын кабагын көрүп, ичинен сызып, сыртынан жылуу мээримин чача:

- Наси, чарчадыңбы, кызым? - деди.

- Жок, апа, чарчаганым жок, эки-үч күндө кыздар менен Россияга кеткени жатам, ошого сиз макул болосузбу?

- Ийе, кызым, эжеңин дарегин алып албасаң кантесиң?

- Мен кыздар менен кетип жатам, апа, кам санаба, жакшы жумуш экен, кетээрде эки миң доллар бермек болду, аны сизге берем, карызыңызга берип кутулуңуз ээ? - деди Наси жадырай, сыртынан жайдары көрүнгүсү келгени менен жаш кыз жүрөксүп турган.

- Капырай иштей электе эки миң доллар береби? - Эне кызын үрпөйө карады, бир нерседен шек алгандай жүрөгү селт этип алды, бирок кызынын жүзүнөн эч нерсе байкай албады. Канчалык кыраакылык кылып үңүлө караса да кызы көңүлдүүдөй көрүнүп туруп алды. Эртеси болжошкон жерден Толик ага жолугуп, эки миң доллар менен белет, дарек жазылган кагазды берди.

- Сен поездге отура бересиң, болжолдуу жерден товарды түшүрүп берчүлөр бар, сен аларды билбейсиң, алар өздөрү айтат, - деди сырдуу.

- Анан товарды мен кантем?

- Алар только грузчиктериң болот, өздөрү ташып келген машинага жүктөшөт, сен ошол машина менен барасың, ошол гана. Товардын ээси ким десе мен дейсиң, башка үндөбөйсүң, - деп жөнөп кетти. Наси белетти караса поезд таң эртең кетет экен. Шашыла үйүнө келип, Калыска эки миң долларды берди да:

- Апа, мен таңга маал жөнөйм, - деп айтты.

- Ошончолук эртеби?

- Ооба, шашылыш кетишибиз керек, мен жуунуп алайын, - деп суу жылытып, жуунууга киришти. Калыс акчаны кармаган бойдон ойлуу: "Чунак кыз, мынча акчаны кайдан алды, эми кайда барат? Оо, жараткан, кулунчагымды өзүң сактай гөр, бөөдө кырсыктан, айтпай келген балээден коргой гөр. Ач болсом, ток болсом да бала-чакамдын амандыгы менин ырысым эмеспи, аман жүрсө экен", - деп отура берди. Кечки тамактарын ичип, жатып калышты. Калыс ойгоо жаткан, таңга маал көзү илинип кеткен экен. Наси шырп алдырбай туруп, шашыла кийинди да, үйдөн чыгып кетти. Поездге отургандан кийин текшерүүдөн тынч өтүп, көңүлү жайлана түштү. Москвага жетпей станциядан токтогондо анын телефону чырр эткенинен ала койсо бир эркектин үнү: "Түшүп товарларды алыңыз", - деп өчүрүп койду. "Бишкектен чыккандан кийин саласың", - деп Толик берген симканы салып койгон болчу. Жерге түшкөндөн кийин жеңил машинага отурду, белгисиз бирөөлөр ага чалып жатты. Жолдон аларды милициялар тосгондо Наси коркуп кетти, рулдагы адамдан бөлөк жанында эч ким жок болчу.

- Документиңизди көрсөтүңүз.

- Мына, - деп Наси алаңдай паспортун бере салды.

- Кайда барасыз?

- Москвага.

- Жүгүңүздү алып, бөлүмгө жүрүңүз.

- Эмнеге? - Кыздын көздөрү алая түштү.

- Текшеребиз.

- Эмнесин текшересиз, товарым аз эле, мен аны бул жактагы ага-эжелериме алып келе жатам.

- Баары бир текшерүүбүз керек, убакытты өткөрбөй жүрүңүз, - деп милиционер аны машинадан түшүрүп, төрт мүшөк жаңгакты кошо түшүрдү да, таксистти кетирип жиберди. Насини ошол жерден кармап, Кыргызстан менен байланышты. Ошентип бир ай дегенде Бишкекке алып келишти. Аны уккан Калыстын жүрөгү оозуна кептеле түшүп РОВДга келгени камынып жатканда үй телефонуна Наси өзү чыкты. Калыс шашкалактап ала коюп:

- Кагылайын кызым, сен кайдасың? - деди ыйламсырай.

- Апа, мени Молдовановкага алып келишти, коркпой эле кой, баары жакшы болот, - деп апасына кайрат бере сүйлөдү.

- Садагам ай, кайдагы ишке кабыла калдың, акчанын кереги жок эле го, мага кеңешпей эмне кылып койдуң? - деп Калыс буркурап ийди.

- Апа, кам санабай тура тур, мен бат эле чыгам, карызды бердиң беле?

- Ооба, кызым, бергемин, сот болду, баары жайында, менин качып кетпегенимди эске алды, кыскасы кутулдум, сенин минтип калганың жаман болбодубу?

- Мен акыры кутулам, апа, ошол акча деп сиз баарынан ажырадыңыз го. Мен өзүмдү тобокелге салдым, жаралган соң ар бир пенденин башына түрдүү түйшүк түшөөрүн мен бала болсом да түшүнүп отурам. Анда мен трубканы койом, апа, мени Молдовановкага келсеңиз табасыз, көрүшкөнчө аман болгула.

- Көрүшкөнчө, көлөкөм, - деген Калыстын көз жашы салаа-салаа болуп, жүзүн жууй базардан үйүнө келе жатты. "Тагдырым таштан жаралганбы, кудайым, неге мындай болду, эгерде пендем деп жаратканың чын болсо неге бардык пенделериң сыяктуу бакытка балкытпадың, көңүлүмдү көтөрүп ырыскынын көлүндө чалкытпадың? Балапандай бала кезимден эле көз жаштын көлүнө салып, жарык шоолаңды көрсөтөсүң дагы ага жеткирбей кара булутту үстүмө калкытасың, энемдин кардында жатып не күнөө жасадым экен?" - деп үйүнө келгенче эч нерсени карабай ыйлап келип, бүк түшүп жатып калды.

- Эмне болду, апа? - Жаныбек суроолуу кайрылды.

- Насини камап коюптур.

- Эмнеге?

- Билбейм, эртең барып келейин.

- Мен дагы барамбы?

- Жок, адегенде өзүм барып келейин, каралдым ай, менин кесирим тийдиби, кайдан дагы карыз ала койдум эле, кызалагымдын убалы мага жетсин, - деп кайрадан шолоктоп жатып, эртеңки барганда эмне алып бараарын ойлоно баштады. Эртеси эрте туруп, тамак-аш алды да, Молдовановкага сураштырып жатып, эптеп жетти. Аерден начальнигине суранып кирип, болгон ишти уккандан кийин жолугууга уруксат алды. Болгону он беш мүнөт берди. Эне-бала саамга көз жаштары салаалай кучакташып турду. Кызынан ашыкча сөз сурабады, анткени баарын уккан.

- Кызым, арыз жазам дагы сени куткарып алууга аракет кылам, - деди аны жубата.

- Апа, мени эми куткарбайт, жеңилдетиши мүмкүн, - деди жер караган Наси. - Мени кечир, апа.

- Эчтеке эмес, кызым, бул ишке аралашпашың керек эле, эми кайгырып-капаланып өзүңдү таштаба, кызым. Адам баласынын башына нелер келбейт, жеңилбегенге аракет кыл, садага, баарына мен гана күнөөлүүмүн, - деди Калыс телмире.

- Өзүңдү күнөөлүүмүн дебе, апа, бизди ушул күнгө таштап коюп, жай өмүр сүрүүнү каалаган атам күнөөлүү, үй-бүлөсүн сактап калууну, балдарынын тагдырын ойлогон жок…

- Жок, балам, атаңды күнөөлөп ага акаарат келтирбей эле кой, атанын сөзү ок, эненики бок дейт, кызым, менин каргышым жаман сөзүм эчтеке эмес, ак сүтүм жууп кетет, атаңар нааразы болбосун, - деп башын жерге салып отурган кызынын ээгинен өйдө көтөрдү. - Кайраттуу бол, каралдым, бутум жеткен, сөзүм өткөн жерге чейин барамын да срогуңду жеңилдетүүгө аракеттенем.

- Макул, апа, акылдуум менин, эненин баары сендей көл-дайра болсо кана, анда дүйнө жүзү жалаң мээримге балкып, чалкыган деңиздей ак дилдүү адамдар көп жаралмак, кара өзгөйлөр жок болмок, аман бол, апа…

- Убакыт бүттү, - деди ошол маалда ары жактан.

- Кош, кызым, өзүңө кара, сабырдуу, көтөрүмдүү бол.

- Жарайт, кам санаба, апа. - Эне-бала бөлүнүшө албай бир топ кучакташып туруп, анан эки жакка кетти. Калыс аерден чыгып эле Бишкекке келди. Ал ошентип ооруп калды, санаа менен кайгы аны ооруга чалдыктырды. Уулу Жаныбек жанынан чыкпай дары берип, ысык чай, тамак жасап берип карап жатты. Адам баласы өзүн-өзү алаксытыш үчүн: "Кудайым жакшы көргөн пендесин кыйноого салып, сыноодон өткөрөт имиш", - дешип калат эмеспи. Андай болсо залимдерди байлык менен бийликке жеткирип, тирүүлүктүн не бир сонун жыргалын жалаң ошол кара ниет, ичи таар, көрө албас жүзү каралар бир жашап өтүшсө, кудайдын сыноосунан атам замандан бери кыйналып жашап өтүп жаткан бей-бечаралар жарыкчылыктын бир үзүм жыргалчылыгын көрбөй өтүп кетишкени калыстыкпы? Ушуларды ойлонуп отуруп Калыс үнсүз көз жашын сыгып алды…

Марат окуусун бүтүп, дипломун алгандан кийин эле Райканды ала качып алды. Туугандары кубалап келип, ырым-жырымы жасалды. Эрнис менен Батырбек мурдатан тааныш болгондуктан кудаларга мен чоңмун дебей жөнөкөйлүк менен кайненесинин ооруп колдон, жеңилин жерден алып жүрдү. Райкан жумшак мүнөз, бирок кээде туруп өзү менен өзү сүйлөшүп калган адаты бар экенин байкады Марат. Экөө бир күнү үйдө жалгыз отурушкан. Марат келинчегин кучагына кыса эркелетип отуруп:

- Райкан, сен бактылуусуңбу? - деп сурады.

- Аябай бактылуумун.

- Алтыным десе, мен сенден бир нерсе сурайынбы?

- Сурай бер.

- Сен эмнеге бирөө менен сүйлөшкөндөй боло бересиң?

- Эмне?! - Райкандын жүзү бозоруп кетти.

- Коркуп кеттиңби же мага капаландыңбы?

- Жо-ок, сен муну сураган менен эч нерсе айта албайм, - деди Райкан бир аздан кийин.

- Макул, айтпасаң айтпа, бирок этият бол ээ?

- Эмнеге?

- Бул жаман адат, болбосо молдого дем салдырайын.

- Жо-ок, ал жамандык каалабайт.

- Ким?

- Ошо…

- Райкан, сен мени коркутуп жатасың.

- А сен коркпо-о, - деп Райкан күлүмсүрөп койду.

- Кызык, сен табышмактуусуң, апамдар билчү беле?

- Жок.

- Кантип, сени багып өстүргөн адамдар байкаган эмеспи?

- Мм, - деп башын ийкеп Мараттан көзүн ала качты Райкан.

- Ошондой де, - деген Марат андан ары унчукпай калды. Негизи Райканда бул адат жакында эле пайда болгон. Кечинде эшикке чыгып, кайра келе жатса эле арт жагынан үн угулду. Курбусунун үнүнө окшогондуктан бурулуп артын караса, эч ким жок. Элеңдей эки жакты карап алып, жүрөгү лакылдай эми үйүнө кире качмак болгондо: "Сен менден качпа, мен сага эч жамандык алып келбейм, болгону мени менен сүйлөшүп койсоң болду", - деген үн угулду. Үн чыккан жакты караса нур сыяктуу жарыктан өзү курдуу кыз көрүндү. "Сен кимсиз?" - деди Райкан калтырай. "Менин атым Райкан, мени бирөө өлтүрүп, талаага таштап койгон. Менин үнүмдү сен гана уга алаарыңды билдим, ошондуктан ар дайым сенин жаныңда болгум келди", "Сен өлүп калган болсоң мен корком да", "Жо-ок, өлгөн адамдан коркпошуң керек, анткени сага эч жамандык кылбайм. Болгону сен менин айтканымды жасасаң чоң бакытка жеткирем, мени менен жолукканыңды эч ким билбеши керек", "Эч кимге айтпайм, а сен качан жолугуп турасың?", "Мен сага каалаган учурда келем, дүйнөдө эмне жаңылык болсо жеткирем, сен элге жеткирип турасың, боло турган жамандыктын алдын алуу сенин милдетиң болот", - деп сүйлөшүп турганда:

- Райка-ан, кайда кеттиң? - деген апасынын үнүн уга коюп жүгүрүп жөнөдү.

- Апа, мен бияктамын.

- Эмне кылып жүрөсүң, чыкканыңа бир саат болду го?

- Ичим ооруп жатат, апа.

- Кир үйгө, тамак ичип жылуу жат.

- Азыр сабак окуп алайын, - деп Райкан артына бир карап алды, эч ким жок экен. Ичкери кирип тамагын ичкен соң бөлмөсүндө сабагын даярдап отуруп уктап калды. Ошол бойдон эч нерсе менен иши жок эле жүргөн. Бир жолу кулагына: "Сенин айылыңдан бир жаш жигит муунуп өлгөнү турат, сен сактап калгын", - деп бирөө айткандай болду. Чочуп ойгонсо таң агарып калыптыр, сыртка чыгып, бети-колун жууп, сабагына кетип калды. Көргөн түшү эсинен дагы чыгып кеткен. Ал күнү кечке жуук Дооронбай деген кишинин эмдиги жылы мектепти бүтө турган баласы ата-энесине таарынып, муунуп өлүптүр дегенди укканда гана Райкан түндөгү түшүн эстеди. Ошентип табышмактуу жашоосу башталды, ал дайыма кеч күүгүмдө жолугат, болгондо да жума күндөрү келчү болду. Кийинки жумада дагы сыртка чыгып баратса алдынан көрүндү. "Сен мага берген убадаңды аткарган жоксуң", "Кандай убада?", "Мен айтканды элге жеткирип тур дегенимди аткарбадың", "Эсимде жок", "Эмнеге өлүмдөн жаш баланы сактап калбадың?", "Билбей калдым", "Дагы эсиңде болсун, жети жолу жолугам, ошондо аткара албасаң өкүнүп каласың", - деп нурдагы кыз көздөн кайым болду. Райкан ары карап сүйлөп жаткан, эч ким уккан жок…

Райкан ойлонуп кеткен экен, Марат аны колтукка түрттү:

- Ээ-эй, сага эмне болду?

- Аа-а, эч нерсе.

- Катуу ойлонуп кеттиң окшойт, менин сөзүмө кулак салбай калдың.

- Ойлонгонум деле жок.

- Макул анда, кардым ачып кетти, бирдеме жасай койчу, апамдар кечикти го?

- Тойдо кармалып жатса керек.

- Сенин кээ мүнөзүң апама окшоп кетет.

- Чын элеби?

- Ооба, чынында сени апама окшоштуруп, апамдын сүйүктүү келини болсун дегемин да, - деп күлүп калды Марат.

- Ыраспы?

- Ырас айтам, жаркыным, сени бактылуу кыла алсам, - деп кучактамак болгондо эшиктин ачылганы угулду.

- Болду, апам келе жатат.

- Келди окшойт, - деп экөө тең эшикке чыга калышты.

- Балдарым, үйдөсүңөрбү?

- Ооба, апа, кайда бармак элек? - Марат күлө алдынан чыкты.

- Тойго барып келдим, кана, Райкан, дасторконуңду алып кел, тойдун кешигинен ооз тийгиле, - деп Давлеткан бапыраңдай баштыгынан эт, боорсок менен таттууларды алып койду.

- Оо, апам кадырлуу коноктордун табагына кирген го?

- Айтпа, Байсал абдан байыптыр, мени эжекелеп эки-үч табакка кошуп, кийит кийгизип сыйлады.

- Ал инилериңиз болобу, апа?

- Ананчы, менин атамдын атасы менен Байсалдын атасы бир тууган да, атам кийинки аялын алганда мен кетип калгамын…

- Өткөндү эстебей эле кой, апа, эми биз барбыз, төрүбүздө балпайып отурсаң болду, - деп Марат апасын жылмая карады. Чогуу отурушуп чай ичишти. Айжан болсо окуусун бүтүп, жакында эле шаарга жумуштары менен кеткен. Райкан кайненеси менен отуруп эле эшикти карап туруп, сыртка чыгып кетти. Давлеткан эч нерсени байкаган деле жок. Үйдө жаткан Марат баш багып караганда Давлеткан:

- Райкан келсин, сыртка чыкты, балам, - деди.

- Аа-а, - деп коюп кайра кирип жатып алды. Райкан көпкө жоголгонунан Марат сыртка чыкса ал тамдын бурчунда туруп алып, бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Марат тыңшап туруп калды.

- Райкан, мен унутуп калам, ишенсең мага, чынында айта албайм, жо-жок, мени кыйнабачы, мен айта албайм, аа-а болуптур анда, аракет кылам, - деп эле сүйлөп жатты.

- Райкан! - деди Марат. - Баспайсыңбы үйгө.

- Азыр, - Башын бери бура ордунан жылбай жооп берди да, кайра ары карап алып, - Аракет кылайын, мага жамандык кылба ээ, аракет кылам, - деп сүйлөп нес болгондой туруп калды. Марат жанына келип, ийинине колун койду.

- Райкан, сага эмне болду, жаным? - Райкан бери бурулуп үн дебей Маратка боюн таштап ыйлап ийди. - Кой, жаным, үйгө кирели, - деп келинчегин колтуктап үйгө басты. - Сени бир нерсе кыйнап жүрсө ачык айтсаңчы.

- Жо-ок, Марат, мен эчтеке айта албайм, кудай жалгагыр жок дегенде сен тынч койчу мени.

- Жарайт, жаным, апам билбесин, орун салып бер да, жатып эс ал, - деп өөп койду. Давлет ээрчише кирген уул-келинине мээримдүү карап: "Ээ кудай, балдарыма ынтымак-ырыскы, дөөлөт бере гөр, ушуларымдын жамандыгын көрбөсөм экен", - деп ордунан туруп, эшикке чыкты.

Ошондон тартып Марат Райканды аңдып калды, бирок көпкө чейин ал көрүнүш кайталанган жок. Бир күнү таңга маал Райкан элес-булас түш көрдү. Түшүндө нурдагы Райкан даана көрүнүп, босогосунан кирип келди. "Айлыңарда оор жоготуу болот, ал адам эл тааныган адам, киши колдуу болот, эки күндөн кийин. Эгерде сен ага барып, эки күн үйүңөн чыкпа деп айтып токтотсоң тирүү калат", - деди да, эки-үч үй ары турган коңшусунун атын айтып, көздөн кайым болду. Эртең менен ойгонгон Райкан бул жолу көргөн түшүн эстеп, чай ичип отурганда:

- Апа, Асанкулду крим дүйнөсүнө аралашкан дейби? - деди байкоостон.

- Аа-а, балам, ар ким ар сөздү айтат, өзү абдан жакшы жигит, тез арада эле байып кетти, андай-мындайын билбейм.

- Ошону киши колдуу болду дейби? - дегенде Марат менен Давлет аңкая карап отуруп калышты. - Уга элексиздерби? - деп койду Райкан эч кебелбей.

- Балам, эл укпасын, бу балээ сөздү кайдан уктуң?

- Жаңылыш угуп алган го?

- Жаңылыш эмес, - деп Райкан ордунан туруп кетип, өз ишин жасаганга киришти. Бирок ошондон баштап ал ар кандай сөз айтса эле туура чыгып калып жатты. Эки күндөн кийин Асанкулдун сөөгүн алып келгенде элден уккан Давлеткан жакасын кармап: "Ээ, кудай, бул эмне деген шумдугуң, бу келин соо эмес", - деп үйүнө келип, келинин бир карап унчукпады, сөз суроого да батынбады.

- Марат бир жакка кеттиби, балам? - деди анан.

- Коңшунукуна кетти окшойт.

- Ийи, барбай анан, колу-коңшунуку ушундайда эмеспи.

- Апа, жакында биздин үйдө той болот, - деп Райкан кайненесине карай жаркылдап күлгөндө Давлеткан: "Ботом, мунун көзү ачык болсо керек. Айжаным күйөөгө чыгабы, эки жакты тазалап үйдү жайсакпы?" - деп ойлуу отуруп калганда Райкан: - Апа, тойго чоңдор катышат го? - деди кайра.

- Эмне деп эле жатасың, балам?

- Биздин үйдө той бо-ло-от, - деп Давлетканды кучактай эркелеп калды. - Кызыңыз жакшы жерге барат экен.

- Оозуңа май, садага, айтканың келип калгысы бардыр.

- Буйруса, апа, - деп эшиктин алдын шыпыра баштады.

Давлеткан бул сөзгө ишенди, анткени эки-үч жолу айтканы туура келгенинен улам ишене баштаган, ал тургай келинин көзү ачыктарга көрсөтмөк болуп калган эле.

Айткандай эле Айжанды Ош шаарынын губернатору келин кылып алды деп адамдар келди. Келгенде дагы отуз миң сом менен бир тай, коробка-коробка таттууларды алып келишти. Давлеткан шашкалактап кайын журтун, балдарын, кыздарын чакырып далбастап калды. Марат досторун чакырып, отун-суу даярдап, келгендерди кой союп коноктошту. Андан кийин кыз-күйөөсүнүн үйлөнүү тоюна барышты. Мырзагүл менен Эрнис да болду тойдо. Кудаларын ошол тойдо абдан сыйлап коноктоп, узатаарда Давлетканга баалуу пальтодон баштап бир сыйра кийит кийгизди, улуу кызы деп Мырзагүл менен Эрнистин үстүнө дагы сый кийит кийгизишти. Ошол тойдо губернатордун көзү Мырзагүлгө түшүп отурду. Эрнистин кайсы кызматта экенин уккандан кийин шыпылдап ийиле сыйлап жатты. Кыскасы жаңыча турмушта үйлөнгөн жаштардын ырым-жырымы да жаңыча болду. Давлеткан келини Райканга ичинен таңгалып: "Кой, мунун жөлөмөсү бар экен, жакшылап көрсөтүп, эл көрө турган кылайын, далай адамдын сообуна калат", - деп ойлоно үйүнө келгенден кийин Маратка сүйлөштү. Ал күнү Райкан жеңеси болуп кыздын жанында калган. Балдарынын баары чогуу, Нурсейит, Алсейит, Гүлжан баары түгөйлөрү менен Мырзагүл алардын чоңу болуп, Эрнис экөө төрдө.

- Апам губернаторго кудагый болуп далайды таңгалтты го дейм, - деп калды Нурсейит.

- Эмнеси болсо дагы бактылуу болсун, - деди Гүлжандын күйөөсү. - Бу эжем келип, апамдын босогосун аттаганы жакшылыктар келе баштады. Анткени жездем оңой киши эмес экен да, Райкандын да атасы кызматтарда жүргөн киши экен.

- Ооба-ооба, Батырбек аганын иштебеген иши калган жок, абройлуу кызматтарда иштеген, - деп калды Эрнис.

- Баары келип апамдын ырыскысы, ушу кишинин багына келип жатат, - деп Мырзагүл сөзгө аралашты.

- Туура, апамдын багы бар экен, биздей балдарды чоңойтуп, ал турсун окутуп-чокутуп ар бирибизге бирдей мээримин төгүп отурат. Ошондуктан Айжан бактылуу болсун, ошол күйөөсү менен түбөлүк бирге жашап өнүп-өсүп кетсин, - деди Марат салмактуу.

- Айланайындарым, кудайга шүгүр, ушул күндү кудайым мага буйруган экен көрүп жатам. Баары келип силердин эне сөзүн уга билгениңерде, тарбиялуу экениңерде, ынтымактуулугуңарда билсеңер. Ынтымак бар жерде ырыс бар деген илгертен улуу сөз бар. Ден-соолук, өмүр жаш берсин жараткан силерге, - деди Давлеткан.

- Абдан туура, үйдө чыр-чатак болсо ырыскы келе жатса дагы кетип калат экен, ынтымактуу үйгө кирип төргө өтүп орун алат тура, - деди Эрнис. - Апама рахмат, силерди ынтымактуу тарбиялаган.

Бака-шака болуп төргө энесин отургузуп алып, бажылдашып жатышты. Эненин кубанычында чек жок, улам көз алдына кенже эркеси Айжандын той көйнөк менен албырган бактылуу жүзүн жанындагы күйөөсүнө буруп, бирдемелерди сүйлөп жатканы келип, чексиз ыраазы болуп отурду. Эртеси баары отурганда Райкан келди, аны аппак жаңы маркадагы машина менен жеткирип келишти. Аны менен кошо эки келин чоң дасторкон алып түшүштү.

- Апа, кызыңыз уул төрөдү, - деп сүйүнчүлөдү Райкан дароо эле.

- Болсун, айланайын, болсун, садага, киргиле, айланайындар, - деп келгендерди үйгө киргизип, коноктоп кийит кийгизип узатышты.

- Кана эми, балам, Айжандын ал-акыбалы кандай? - деп сурады Давлеткан келининен коногун кетирээри менен.

- Аябай жакшы, апа, күйөөсү экөө бири-бирин сүйүшөт экен, эми айтпаңыз, жашоолору укмуш, тойдо түшкөндөрү төрт бөлмө үйүнө толуп калды, иши кылса кызыңыз абдан бактылуу экен.

- Оозуңда бардыр, балам, ошонун бактылуу болушун сен дагы билдиң го, ал үчүн сенин оозуңду майлайм, садага, - деп кучактап өөп койду. Ал күнү уул-кызын, келиндери менен күйөө балдарын коноктоп кой сойду, эне балдары менен неберелеринин маңдайында чексиз бактылуу болуп отурду. Бакылдашкан бажалар, сырдашкан эже-сиңдилер, эже-жезделерин сыйлаганга умтулган бир туугандар, жумушу менен алек болгон келиндер, неберелеринин күлкүсүнө тунган эне, булар үчүн бүгүн абдан чоң майрам эле. Эки күн бирге болуп, үчүнчү күнү баары бир-бирден жөнөштү, коштошуп акырында уул-келини менен Давлеткан калды. Эми анын алдында кызын төркүлөтүп алуу чоң милдети бар, ошону ойлонуп: "Али убакыт бар, күркүрөгөн күз келет. Балдарымдын башын дагы кошуп, губернаторду баш кылып үйгө чакырам, коңшуларымды чакырып койом. Баары кызмат кылышсын, төрт кой сойсом жетээр бекен, же бир бээ алып сойсом бекен? Ай койчу, балдар келгенде кеңешем", - деп ойлонуп жатты.

Ошондон он-он беш күн өтпөй эле күүгүм ченде Райкан капысынан эшиктин алдына жыгылып калганын үйдөн чыккан Давлеткан көрүп, чочуп кетип кыйкырып ийди. Аны уккан Марат чуркап чыга калып, аялын үйгө көтөрүп кирди. Райкан эч нерсе билбей калыптыр, молдо чакырып дем салдырышты эле өзүнө келди, ата-энесин да чакыртышты. Алар келип, врачтарга алып кетишти. Бир аз жакшы болуп барып, кайра ооруп калып жатканда Марат Зулайкага болгонун айтып берди эле ал аябай таңгалды. Үнсүз ыйлап күйөөсүнө телефон чалды да, ооруканадан чыгарып кетмек болушту. Марат кайда болбосун жанында жүрдү. Алар Батырбектикинде болуп жаткан. Бир жолу Марат бөлмөгө кирсе Райкан көзүн ачып жатыптыр.

- Кандайсың, алтышка? - деп эңкейип бетинен өптү.

- Жакшы.

- Акыбалың дурус болсо кетели.

- Мен эмне, оорудумбу? - Райкан эч нерсе болбогондой сурады.

- Жок-жок, кетели деп эле айттым.

- Аа-а, анда кетебиз, азыр эле кетелиби?

- Бүгүн кеч болуп калды, эртең эрте чыгалы.

- Эртеңби, эртең мен кечигип калам да, окуум калып калат, азыр эле кетеличи, барбасам болбойт, - деп ордунан козголуп баратып бакырып ийди. - Жо-ок, мен кечикпейм, токто-о, токто деп жатам!

- Райкан, сага эмне болду, тынчтанчы, - деп Марат аны кармай калды.

- Тоспо, мени күйөөм күтүп жатат, сен кимсиң, тур нары! - деп кыйкырып жатканда ата-энеси кирип келишти. - Мени койо бергилечи, күйөөмө барышым керек, силер кимсиңер?!

- Райкан, кызым, сага эмне болду? - деп Зулайка ыйлап кучактап, Батырбек бир жагынан кармаса дагы болбой жулунуп бакыра бергенинен керебетке таңып туруп, молдо чакырышты. Молдо дем салгандан кийин тынчып уктап калды. Мараттын айласы куруду, эмне кылаарын билбей башы катты. Күнү-түнү жанында, кээде гана Райкан жакшынакай болуп сүйлөшүп калат. Туруп-туруп эле кайра ойду-тоону сүйлөй бергенинен Батырбек Маратты бак ичине ээрчитип чыкты.

- Балам, биз сага ыраазыбыз, Райкандын ооруп калганы баарыбыздын жүрөгүбүздү сыздатат, айла канча, ооруга айла жок экен. Сен эми кармалба, анда-мында кабар алып тураарсың, болбосо иштен каласың, силерде иш кычап жаткан учур, барып малыңа тоют камдап ал, телефондон сүйлөшүп турабыз, - деди үнү каргылдана кейиген түр менен.

- Ата, бир аз күтөйүн, сакайып кетээр?

- Жок, жакында айыгышына көзүм жетпейт, айыкса да узакка барат, сен барып жыйым-теримиңди бүтүрө бер.

- Макул, ата, телефондон кабарлашып турам.

- Ошент, балам, кудай оң жагына алса сакайып кеткиси бардыр, кудайдан тилегенден башка аргабыз жок.

- Жарайт, ата, мен кеттим, - деп Марат үйгө кирип, Райкандын жанына келди, ал жаңыдан гана уктаган.

- Эми эле уктады, - деди Зулайка кейиштүү.

- Мен барайын, апа, келип турам.

- Бара гой, балам, кудай жакшылыгын берсе сакайып кетээр…

- Буйруса сакайып кетет, апа, үйгө эле алып кетсем болот эле.

- Кой, эртели-кеч өзүбүз карап туралы, кудай өзү боор ооруп койоор, молдолорго дем салдырып көрөлү, жакында чоң молдо алып келет атаң.

- Макул анда, жакшы туруңуздар, мен барайын, - деп коштошо үйдөн чыкты. Ушул ирет ал өз тагдырына абдан нааразы болуп турду. "Неге мындай, Калыстан антип айрылдым, Райкан болсо төрт ай эле жашады, минтип ооруп калбаса уул-кыздуу көрүп, бактылуу болмокпуз. Деги менин пешенем ушундайбы, же Калыстын убалына калдымбы, бекер кетирдимби? Төрөп турган аялды кетирсе кесири тиет деп укканым бар эле, ал байкуш кайда жүрдү экен, күйөөсү жакшыбы же жаманбы? Иши кылса бактылуу болсо экен", - деп ойлонуп баратып, Эрнистин үйүнөн өтүп кетиптир. Кайра кайрылып келсе Мырзагүл үйдө экен.

- Кандай, Райкандын ал-акыбалы дуруспу?

- Баягыдай эле.

- Бечара, кандай ооруга чалдыгып калды десең, эми эмне кылайын дейсиң?

- Билбейм, сакайышын күтүшүбүз керек.

- Өзүң бил, бирок минтип жүрө беришиң болбойт го?

- Эмне кылаарымды билбей калдым, айылга кетем эртең.

- Эмнеге?

- Кайната өзү бара бер деди.

- Байкуштар, жалгыз кызынын ооруп калышы аларга да кыйын болду, түшүнүктүү адамдар да.

- Ошондой, өзүбүз карайбыз деп жөнөттү.

- Барсаң бар, апам дагы жалгыз калды, жанында болбосоң болбойт, Мырзагүл болсо чоңоюп баратат, ага дагы жакшылап карашың керек, - деди Мырзагүл чай берип отуруп. - Мен ага кийим-кече алып койдум эле, ала кет.

- Макул, эртең эрте чыгам.

- Ооба, азыр малдын тоюту, эгин-тегин дагы жыйналып жаткан кез, - деп Мырзагүл иниси менен сүйлөшүп отурду. - Сага шаардан жумуш иликтесек болот эле, иштейт белең?

- Апам кантет, акем балдарынан айылга жөнөтсө болот эле, мал-салга көз болот эле, апама күч келип калат. Мырзагүл кыз бала да колунан келбейт, анын үстүнө өтө эле назик…

Марат эртеси эле жолго чыкты, ал келгенде апасы дагы баягы эле көнүмүш суроону берди.

- Райкан жакшыбы, балам?

- Баягыдай эле.

- Атаны кургур ай-ие, аны чоң көзү ачыкка көрсөтүп, көзүн ачканда элге кереги тиймек, эми эмне болоор экен?

- Билбейм, апа, - деп эс алганы бутун сунуп жатып алды. Давлеткан ичинен сызып уулуна боору ооруп тим болду.

- Мырзагүл садага, папаңдын карды ачкандыр, тамак жасай койчу, кызым. Анын дагы көңүлү чөгүп жүрөт, келиндерим жакшы эле чыкты, эмне болуп жатат билбейм, ушул баламдын турмушу өз нугуна түшүп кетсе жакшы болот эле…

- Апа, эмнеге менин апам кетип калган? - Мырзагүл чоң энесин суроолуу карап жооп күтүп калды.

- Апаң абдан жакшы келин эле, кызым, ал кетмек эмес, бир бузукулар экөөнүн ортосуна чок салды да-а. Сени ала кеткен эле, кийин башка күйөөгө тийгенде сени бизге алып келип берген. Өгөй атага кор кылгысы келбесе керек байкуш.

- Атам өзү кетирген экен да анда?

- Жо-ок, кызым, экөөндө тең күнөө жок, экөөнү бөлгөн тагдырда, ушакчыларда болуп жатпайбы. Адам дегендин көзү жаман, кызым, сен ак-караны таанып биле элексиң, учурунда баарын таразалап аласың. Апаңдан алыстаба, ал жакшы аял, канткен менен эне эмеспи, алыста жүрсө дагы сени ойлонуп жүргөндүр…

- Кийин барсам болот да ээ, апа?

- Болбой анан, эне-баланы бөлгөн болобу, каапырда гана мээрим болбойт, адам пендесинин жүрөгүндө мээрим толтура, - деп эне небересин бооруна кысты. Эртеси Марат үйдөн чыгып кетти, көңүлү чөгүңкү, ал досторуна жолугуп өзүн бир азга алаксыткысы келди. Айтмырза деген классташынын үйүнө барды түз эле, ал бала-чакалуу, кадимкидей үй-бүлө түйшүгүн артынган киши. Маратты көрүп эле бакылдап тосуп алды.

- Кел, Маке, иш кандай?

- Жакшы, өзүңөр кандай жүрөсүңөр, аяш кандай?

- Баары жайында, аяшың экөөбүз бала-чака багабыз деп жүрөбүз, - деп күлдү Айтмырза, жанындагы беш-алты жашар уулун башынан сылай.

- Бул дагы чоң жүк да, досум, бала-чака милдетин моюнга жүктөп, эне-аталык парзды өтөө дагы адамдын бактысынын бири.

- Өзүң кандай, аяш дурус болуп калдыбы?

- Дурус, - деп гана койду Марат.

- Оору кордук дешет, сага дагы кыйын болду, - деп Саадат сөзгө аралышты.

- Арга жок, көтөрүүгө туура келет.

- Туура айтасың, Саадат, досум келип калыптыр, каткан-күткөнүңдү ортого салып, бизге тиги ак суудан алып келип бер, эрмектешип бир отуралы.

- Макул, Маратты сыйлабай анан, - деп Саадат жаркылдай эшикке чыкты. Марат ушул тапта Калысты ойлонуп отурду. "Менин сүйүүм сени менен гана, Калыс. Сүйүү кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды көтөрө билгенде гана өз мөмөсүн берет тура. Алтынай жолукпаганда балким арабыз жакындап кетмек", - деп ойлоно баягы Калыс кыз болбой калганда шаарга келип, атайы гинекологго барып жолукканын эстеди. Ал атайын эркек врач гинекологго кирип: "Агай, мүмкүн болсо сизден бир суроо сурасам болобу?" - деген ыңгайсыздана. "Сурай бер, жооп берүү биздин милдетибиз", - деди ага врач жылмайып. "Агай, кыз бала төрөлгөндө эле кыздыгы жок төрөлөбү?", "Ой кокуй күн десе, эң жөнөкөй суроо сени кыйнап жүргөн тура. Албетте андай учурлар болот, бул толук изилденип бүтө элек көрүнүш, ар кандай айтылып жүрөт. Дегиңкиси кыздыгы жок төрөлгөндөр болот", - деп айтканда Марат: "Рахмат, агай, рахмат сизге", - деп чыгып кеткен эле.

- Маке, кел, досум, чайдан ичип отур, - деп анын оюн Айтмырза бузуп жиберди. - Аяшыңдын тамагы бышканча чай ичип туралы.

- Жарайт, досум, сага атайын алаксыганы келдим, - деди Марат нандан алып, чайдан ууртап жатып. Эки дос кобураша чай ичип отурушту, аңгыча Саадат келди, анын жанында бир келин жүрөт. Саадат ал келинди өзү тааныштыра:

- Марат, таанышып кой, менин классташым, аты Ибарат, бойдок, - деп күлүп калды. - А бул менин аяшым, Айтмырзанын классташы.

- Жакшы-жакшы. - Марат баш ийкей жылмайган болуп Ибаратка көз жиберди. Саадат арыдан-бери тамагын жасап, койкойгон бөтөлкөнү алып келип, стакандарга куюп ар бирине жылдырды.

- Кана, Марат, эми өзүң сүйлөп кой.

- Эмне дейин, башкысы силердин үй-бүлөңөргө бекем ынтымак, ырыскы, бакыт-таалай каалайм. Балдарыңарга татыктуу ата-эне болуп бактылуу өмүр сүргүлө, эл-журт тынч болсун.

- Айтканың келсин, аяш.

- Досум ушундай гений да, сүйлөсө таңдайынан чаң чыгат, - деп Айтмырза компойо стаканды көтөрдү. Ибаратты көптөп жатып ичпейм дегенине карабай алдырышты. Ал улам Маратты жал-жал караган сайын экөөнүн көз караштары чагылыша түшөт. Андан кийин Ибарат сүйлөдү. Түш оогуча бака-шака болуп отурушуп, ордунан турушканда Марат бир кыйла кызып калган. Ал үйүнө кетип бараткан Ибаратты жандай басты:

- Жеткирип койойун.

- Жөн эле коюңуз, жетип алам, анча алыс барбайм.

- Эми жакын болсо да узатып коюу менин парзым эмеспи.

- Каалооңуз билсин, - деп Ибарат жылмая жер карады.

- Күйөөңүзгө эмне болду эле?

- Ажырашкам.

- Аа-а, сүйгөн эмес белеңиз?

- Ооба.

- Ата-энеңиз менен турасызбы?

- Жок, жалгыз турам.

- Бала барбы?

- Жок, мен келип калдым.

- Тез элеби?

- Ооба, Саадатка коңшумун да.

- Жакшы экен, болуптур анда, жакшы туруңуз.

- Жакшы барыңыз. - Экөө эки тарапка басканда Марат кайра кайрылды.

- Ибарат!

- Ийи?.. - Келин дагы токтоп, аны карап калды.

- Үйүңүздүн эшигине келгенде нан ооз тий дебей узатасызбы?

- Оой, кечириңиз, азыр, мен алып чыга калайын, - дегенде Марат анын артынан босогосуна жетти. - Күтө туруңуз, - деп келин үйүнө кирип кеткенде Марат кошо киргиси келди, бирок адепсиздик кыла албай туруп калды.

- Суусап кеттим, суу ала чыгасызбы?

- Жарайт, - деген Ибарат бир саамдан кийин чыны менен нан салынган табакты көтөрүп чыкты. - Ооз тийиңиз.

- Кыргыздын салтында жок эле босогодон ооз тийген.

- Кечириңизчи, мен орус класста окугам, орус бала бакчага барчумун, мындайды билбейт экенмин, - деп Ибарат кызара уялып кетти.

- Эч нерсе эмес, айла канча, даамыңызга миң мертебе рахмат!

- Эч нерсе эмес.

- Жакшы туруңуз.

- Соо болуңуз.

- Мен мас эмесмин.

- Ой, жо-ок, саламатта болуңуз дегеним да.

- Аа-а, түшүнбөй калдым, - деп кылчаңдай басып баратып артын караса Ибарат аны карап туруптур, токтой калып колун булгады да, жөнөп кетти. Үйүнө кызуу келди да, үндөбөй жатып калды. Эненин жүрөгү тыз-тыз этип, жан дүйнөсүнө коогалаң түшө: "Кандай болуп кетээр экен, уулумдун тагдыры эмне болот? Кой, мен кудаларга барып, Райканды көрүп келейин, жакшы болуп кетсе алып келем, эгер болбой турган болсо ар кимдин өз тагдыры эмеспи. Кайра келип баламды үйлөнтөйүн, антпесе бул ичип кетеби ким билет", - деп кайраттана ордунан туруп, эртеңки жолго камынды да, жатып калды. Эртең менен Маратка айтса ал үндөбөдү. Давлет шаарга келип адегенде Мырзагүлдүн үйүнө түштү, андан кийин кызы экөө Батырбектикине барышты. Эшикте жүргөн Батырбек аларды утурлай басты.

- Келгиле, кудагый, кудача, күүлүү-күчтүү, ден-соолукта жүрөсүзбү?

- Кудайга шүгүр, куда, өзүңөр жакшы жатасыңарбы, Райкан жакшы болуп калдыбы?

- Дурус-дурус, - деп Батырбек башка сөз айталбады. Үйгө кирсе Райкан апасы экөө отурган экен. Зулайка тура калып учурашты.

- Келгиле, кудагый, келгиле.

- Келдик, айланайын, келинимди көрүп, ылайыгы келсе алып кетейин деп эле келип калдым, - деп ордунан козголбогон Райканды эңкейип эки бетинен өпсө да унчукпай колундагы нандан тиштеп жеп отура берди. Зулайка аны колунан ала сырткы бөлмөгө жаш баладай жетелеп кетмек болду эле:

- Ата, мени койо бер дечи, менин конфет жегим келип жатат, - деп дулдуя тартынып кирди.

- Тим кой, байбиче, отура берсин, - деди Батырбек. Давлеткан алып келген таттууларын дасторкон четине койду. Боорсок менен үндүктүн этин көргөндө Райкан:

- Апа, оногудан жейм, - деди сөөмөйү менен көрсөтүп. Баары аны карап тымтырс болуп калышты. Зулайка баарынан тарелкага салып:

- Жүрө гой, экөөбүз тигил үйдөн жейбиз ээ? - деп алдап алып чыгып, кайра келди да, - Кантейин, - деди көзүнө жаш ала. - Кандай болуп ушундай балээге кабылганына акылым жетпей калды, кызымдын мындай ооруга чалдыгышы бизди жүрөк оору кылып бүтмөк болду, өх, кантели эми, тагдыр экен го. - Муңкана көз жашын жоолук учу менен аарчый сүйлөп жатты.

- Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген тура, кудагый. Мен деле Райканды өз кызымдан кем көрбөйм, өзү билип, өзү коюп калды эле, кантебиз, кудагый, өзү бирдеме айттыбы?

- Айтты, балалыгы да, алдын алат элек.

- Байбиче, эмне болсо дагы аман болсун, пешенеге жазса аргабыз канча, - деди Батырбек оор күрсүнүп. - Кудагыйларга тамак ас, биз дагы эле сыйлашаар адамдарбыз.

- Ооба-ооба, - деп башка сөзгө келбей эле Зулайка сыртка чыгып баратканда Давлеткан:

- Кудагыйды убара кылбай эле кой, куда, тамакты ичтик, мен кайра эле айылга кетишим керек, - деди ыңгайсыздана.

- Кудагый, дос айрылат, сөөк кайрылат деген, эми биз айрылышсак дагы кайрылышып турабыз, - деп Батырбек башын жерге сала аста айтты. Ошондо Мырзагүл:

- Ооба, туура айтат Батырбек ага, Райкандын ден-соолугун тилейли, айрылышкан күндө дагы биз бири-бирибизди таштабайбыз, өмүр бою катышып турабыз, апа. Куда-кудагыйды туура түшүнүшүбүз керек, - деди апасын карай.

- Кызым, мен дагы ошону ойлоп жатам, түбү бирге жазылат, учу бирге кошулат деп, учубуз биригип отурат, силер менен түбөлүккө бир дасторкондон даамдашып жүрөбүз деген ойдомун, куда.

- Кудай тилегибизди берээр деген үмүт чоң, кудагый, балдардын максаты орундалса көктөн тилегенибиз жерден табылбайт беле? - деп көпкө сүйлөшүп отуруп калышты. Ошол кезде Райкан кирип келип:

- Ата, чай ичем, - деп жаш баладай дасторкондон нан, конфет алып жей баштады. - Ойноп келейинби, ата?

- Бара гой, кызым, алыс кетпе.

- Кетпейм, - деп так секире чыгып кетти. Батырбек акырын артынан кошо чыкты, анткени кийинки күндөрү жолго, башы оогон жакка басып кетчү болгон. Алдап-соолап оюнчуктарды, иче турган, жей тургандарын коюп, бир бөлмөгө камай турган болушкан. Батырбек сыр билгизбей аны адатынча алдап алып кирип, бөлмөгө камап коймок болуп чыккан.

- Апа, өтө кыйын болуптур, келгениме өкүнүп калдым.

- Биздин милдетибиз да, кызым, ооруп калды деп, келип көрбөй койсок болбой калбайбы, бечара келиниме жаман болду, - деп Давлет кызы экөө шыбырашып калды.

- Эми Маратты үйлөнтүп эле койолу.

- Ооба, булардын дагы пикирин угалы, кызым.

- Туура, булар деле айтат болуш керек. - Аңгыча Зулайка тамагын көтөрүп кирди, артынан Батырбек кирип, орун алды.

- Кана, кудагый, тамакка карагыла.

- Алыңыздар, кудагый, келип-кетип тургула, баштагыдан да жакыныраак, ынтымактуу бололу, эки баланын арты менен тааныштык эле, Марат бизге өз бала болуп калган.

- Анан эмне, Райкандын дагы менин кыздарымдан айырмасы жок, - деп Давлеткан Зулайкага карады. Тамак ичилип бүтө жаздаганда Батырбек сөз баштады:

- Кудагый, аны-муну айта бергенде эмне, тагдыр экен, өзү кошуп кайра өзү ажыратты, биз сиздерге ыраазыбыз, - деп бир саамга тунжурай отуруп калып, кайра сөзүн улантты. - Маратка мен уруксат берем. Кызым кудай буйруп сакайып кеткиси бардыр, бирок баары бир убакыт деген токтоп турбайт, жаш деген өтө берет, биз ыраазыбыз, Марат үйлөнө берсин, - деген Батырбек акыркы сөздөрүн зорго айтты. - Силер капа болбогула.

- Куда, шашканда эмне, Райкандын сакайышын баарылап күтөбүз, антип өзүңөрдү үмүтсүздүккө такабагыла, - деп жиберди Давлеткан.

- Ооба, куда, андай дебеңиз, буйруса күтүп, анан сакайганда алып кетебиз, - деп Мырзагүл дагы шашып калды.

- Кудагый, күткөндө эмне, биз кызыбызды сакайып кетет деп күтөбүз, кудайдан тилейбиз, бирок Мараттын жаштыгын уурдагыбыз келбейт. Ага да кыйын болуп турат, түшүнөбүз, кудагый, - деди Зулайка. Ошол бойдон сөз уланбады, ар кимиси өз ойлору менен алыша бир топко отурду да, дасторконго бата кылып коштошо үйдөн чыгышты. Давлеткан ойлуу кыз-күйөөсүнүн үйүнө келип, неберелеринин ойноп жатканына кубана өз балалык чагын көз алдына келтирди. Ойлоп көрсө апасы тирүү кезде гана бактылуу балалык доорун сүрүптүр. Кийин атасы дароо эле башка аялга үйлөнүп алганда ичи күйүп, ыйлап-сыктап өгөй энесин кабыл албай койгондо атасы урушуп-тилдеп үйүнөн кууп чыкканын эстеди. Эки күндөн кийин үйүнө жөнөдү, келсе Марат жок экен, Мырзагүл жалгыз отуруптур.

- Атаң жокпу, кызым?

- Жок, эмне болду, апа?

- Кечээ келди беле?

- Ооба, эртең менен кетти.

- Ийи, сени жалгыз калтырып койгон экен деп чочулап кетпедимби, кызым, - деген эне кызын өөп үйгө кирди.

- Жо-ок, кечке жалгызмын, анан кеч болгондо келет.

- Мейли, - деп жол жүрүп чарчаган Давлет дем алып отура кетти.

- Райкан жеңем жакшы болуп калыптырбы?

- Кайдан, ал бечаранын тагдыры оор…

- Эмнеге ооруптур?

- Кудай билет.

- Ооруканада бекен?

- Үйүндө экен.

- Көрдүңүзбү?

- Ооба, ботом, ушунча жерден барып көрбөй келмек белем?

- Аа-а…

- Маратка ылайыктуу келин-кесек издебесем болбойт, - деди Давлеткан үшкүрүнө.

- Папам дагы үйлөнөбү?

- Үйлөнбөй эмне кылат анан, бойдок болуп жүрө берет беле, ушундайда бала-чакалуу, үй-бүлөлүү болсун да.

- Кайра-кайра эле аял ала береби папам?

- Айла жок, кызым, жолу татаал болуп туруп алды го, кыздар өзү ээрчичү эле убагында. Ошо кыздардын да кесири тийди окшойт, канчасын жактырбай жүрүп, сенин апаңды сүйдүм-күйдүм деп алып келди эле. Өз оюна коюп койдум, анан эле эмне болуп жатат билбейм, - деп Давлеткан кейип-кепчип отурганда Мырзагүл чай алып келди, экөө отуруп чай ичишти.

Марат бул кезде Ибараттын жанында болчу, экөөнүн алдында куурулган тоок эти, импорт вино. Ибарат Мараттын тизесине башын коюп алган. Ал эңкейип келип Ибаратты өөп колдорунан кармалай:

- Ибарат, сен мага тийесиңби? - деди.

- Жан дилим менен макулмун, бирок сен алдабайсыңбы?

- Жок, алдагым келбейт, өмүрлүк жар болуп берчи.

- Макул, мен сага аял болуп берүүгө даярмын, - деди Ибарат, анан мойнуна колун орой наздана чалкалаганда Марат келиндин аппак алкымынан жыттап, өпкүлөп кирди.

- Түбөлүк болуп берчи, мен кайра-кайра үйлөнөйүн деп ойлогон да, каалаган да эмесмин, бирок мага тагдыр сыртын салып туруп алды.

- Сен кыздардай сулуусуң, канчалар сенин жарың болууга ашыкпады экен, Марат. Мен сени көргөндө эле ашык болуп калгам, бирок сенин мага үйлөнүү жөнүндө сунуш айтаарыңды күткөн эмесмин.

- Сулуулук эмне, дүйнөнүн сулуулугу, жашоонун жакшылыгы, кыска өмүрдө сулуулук рахат алуу. Ички сулуулуктан өтөөрү жок, Ибарат, жан дүйнөм жанчылып барат, жүрөгүм санаадан, күйүттөн чарчап алсырап барат. Сен ошолорду калыбына келтире аласың, уктуңбу?

- Сен үчүн баарына даярмын, болгону сен мага дилиңди бер, чын жүрөгүң менен каалап сүй, анан мен сенин керек болсо кулуңа айланууга даярмын, - деп Ибарат туруп отуруп Маратты тике карады.

- Чын дилим, жүрөгүм менен айттым, мага аял болуп, бала төрөп берсең болду, мени бактылуу кылчы, Ибарат, - деп сүйлөп отурган Мараттын жүрөгүнөн кан сызылып сыздап турду. Ушул ирет ал тагдырын өзү өзгөрткүсү келди, Ибаратты чындап сүйбөсө дагы сүйкүмдүү бала төрөп берип, үйүнүн куту болушун каалады. Чынында Райканды ойлоп ичи ачышты, ага бекер эле Калысты унутуу үчүн үйлөнгөнүн эми сезди. Болоор-болбоско эрктүүлүк менен карай албай, жаштыгы, өзүнүн жигиттик көркөмдүгү менменсинтип, өтө чоң каталык кетиргенин сезип жан дүйнөсү эңшерилип турду. Бул бөксөнү аялдын кучагы гана толтура алмак. "Калыстын бактылуу болгонун бир көрсөм кана, ал мени жек көрүп калды го, балким бактылуудур, ошондой эле болсун. Көрсө мен анын кусуруна калыпмын, ал менин сүйүүмдүн алгачкы булагы, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алчу бир гана адамым", - деп ойлонуп улутунуп алды. Ошондон көп өтпөй эле Райканды бир көрүп келди да, Ибаратка үйлөндү. Экөө бактылуу жашап, үч балалуу болушту. Мырзагүл апасы Калыска окшогон керилген сулуу кыз болду, Марат аны өтө жакшы көрөт. Мырзагүл апасына барам дегенде каршылыксыз макул болду. Бактылуу болуудагы бир себеп - адам баарына туруштук берүүгө тийиш экенин сезип, ичтен өкүнгөн менен аргасыз азыркы жашоосуна ыраазы…

Калыс базарда майда-барат сатып күн көрүп, карызынан да кутулду. Аны кызынын тагдыры гана көз жашка чөмүлтүп, ортозаар жашында түрмө менен батиринин ортосунда таманы тешилгенче каттап, канча ирет ачуу жашын төкпөдү. Акыйкатчыга кезекке туруп коюп, өзү аябай ичип алды. Эки күн, үч күн ичти, төртүнчү күнү эчтеке билбей жүрөгү калтырап жатып калды. Ошондо гана ал ачуу менен кайгы-азапты эч качан жеңе албасын түшүнүп, өзүн тегеректеп коркуп турган балдарынан уялды. Дарыланып бир жумада жакшы болуп калгандан кийин акыйкатчыга барып, ага болгон арыз-муңун айтып түшүндүрдү. Ошентип жети жылга кесилген кызынын мөөнөтү үч жарым жылда бүтүп, кубанычы койнуна батпай бошоноор күнү жетип барды. Келини экөө барып, акыйып кечке күтүп, кыш кетээр акыркы айлардагы аяздуу ала шалбыртта калчылдап үшүп чыкты. Бир кезде келини:

- Апа, үшүп тура бербей бирдеме ичип келеличи, - деди акырын.

- Макул, балам, чыгып калса издеп калбайбы?

- Тиги маңдайдагы дүкөнгө эле барабыз.

- Жүрү тезирээк барып келе калалы, - дешип экөө ээрчише дүкөнгө киришти. Нан, пирожки менен квас алган келинине Калыс: - Балам, ушул суукта квас ичсек ого бетер катып калбайбызбы, алып кел тигинден, жүз граммдан жутуп алалы, - деди эле айталбай турган келин четок алып келе калды. Экөө бөлүп ичип алышты да, кайра күтүп калышты. Кечке маал гана короодон чыгып келаткан Насипти көрө коюп, эне балбалактай ыйлап жетип барып, кызын бооруна кысып калды.

- Апа, кетели эми, - деди келини кайненеси менен кайынсиңдисин жалооруй карап. Үчөө унчукпай автобус токтоочу аялдаманы көздөй басышты.

Калыстын бир арманы арыла түштү. Келээри менен ырым-жырымын жасап, кызын үйгө киргизди. Насип бир жумадай үйдө болду. Түрмөдө бирге отуруп таанышып калган Азат деген жигит телефон чалды эле ага жолугууга чыкты. Азат Насипти көп кыйынчылыктардан коргоп калган, эми экөө жолукканда эле ал Насипке:

- Наси, мен сага үйлөнөм, сен кандай ойдосуң? - деди.

- Болбойт го, мен түрмө көрүп келдим, үйдөгүлөрүң мени кабыл алышы кыйын болоор…

- Сенин дилиң таза, Наси, эч күнөөң жок, мен сени жакшы түшүнөм, өзүм коргоп алам, анын үстүнө биз бул жерде жашабайбыз, дароо эле Россияга кетип калабыз, - деп Азат болбой турду. - Керек болсо апаңа да жолугуп ачыгын айталы.

- Азат, сен мени жарга такап койдуң.

- Сени кыйын абалга таштагым келбейт, сени көргөндөн эле мага өмүрлүк жар болот деп энчилеп алгамын, Наси, - деп Азат кызды жалдырай карап жооп күттү. - Мен отуздан эбак ашкамын, Наси, бирок ушул убакка чейин сүйүү дегенди билген эмесмин, эми сени өзүм сүйөөрүмө көзүм жетти.

- Жапжаш туруп сүйүү эмне экенин мен деле билбейм, Азат, - деди Насип жылмая карап.

- Биз анда бири-бирибизден сүйүү темасын үйрөнүп, элге, жумурай журтка сүйүүнү жомоктогудан дагы жакшыраак, дастандан дагы кызыгыраак кылып даңазалайбыз. Түрмөдөгүлөрдө жүрөк жок, жек көрүмчү адамдар деген түшүнүктү жокко чыгарабыз, алтыным, макул дечи, Наси.

- Мен ойлоноюн, эгерде ата-энең кабыл албай койсо чөгүп турган көңүлүм ого бетер баарынан тажап да, ирээнжип да бүтпөйүн. Адам аттууга ишенбей, жапайы макулукка айланып, тирүүнүн өлүгү болбоюн, - деди Насип ойлуу телмире.

- Андай болбойт, ата-энеме дароо эле айткам, өзүңө эле жакса болду дешти. Наси, сенин гана бир ооз сөзүң керек мага.

- Анда мен дагы апам менен кеңешейин, капысынан түрмөгө түшүп, апамды далай азапка салдым. Эми кеңешип туруп чечпесем болбойт, сен мени түшүн, - деп Насип бир сөздөн кайтпады. Ошентип ал күнү экөө жылуу коштошушту. Калыс бул кабарды адеп укканда биресе чочуп, биресе ачуусуланды, бирок Насип токтоо гана түшүндүргөндө Калыс кызынын сөзүнө муюй:

- Өз келечегиң го, кызым, бирок кандай болоор экен? - деди.

- Апа, мага Азат жагат, ал дагы болбогон жалаа менен отурган, ата-энеси макул болуптур. Болбосо мени ким карап, ким баалайт да ким үйлөнгүсү келет, айтчы, апа? Мени тааныгандарды көргөндө корунуп жүрүп, өмүрүм өтсө канттим?

- Кагылайын ай, жаш жүрөгүңдү сыздатпачы, каалаганың болсун, менин ак батам ар дайым сени менен, бактылуу болушуңду гана тилейм, - деп эне-бала кучакташа ыйлап отурушту. Ошондон көп өтпөй эле Азат менен Насип үйлөнүп алышты. Азаттын ата-энеси Насипти жакшы кабыл алып, Калысты чакырганда ал улуу уулу Каныбекти аялы менен, Мырзагүлдү, Жаныбегин ээрчитип барып келди. Колунан көөрү төгүлгөн, жүзүнөн мээримдин нуру чачыраган, адамдардын баарына бирдей мамиле жасап, аты да, өзү да калыстыкты сүйгөн кең пейил, деңиздей жүрөгүндө пенделерге деген жылуу пикирден башка жаман ою жок Калыс ушул кезде биз жашаган доордо өмүр кечирип жаткан учуру. Бир убакта жүрөгүнө арманы толуп, азап-кайгыдан көз жашын төккөн болсо, ушул күндө анын баары артта калган. Балдары турмуштан өз-өз ордун таап, иштеген иштеринен баар таап, тарбиялуу өскөнгө канагаттанып бакыттын жылмайышын күтүп жүргөн чагы. Бирок бир гана өкүнүчү бар, жүрөк түпкүрүндө бир адамдын аты катылуу, ал Мырзагүлдүн атасы…

Марат турмуштун ысык-суугун аз да болсо баштан кечирип калганы менен учурдагы жашоосуна ыраазы. Бир гана өкүнгөн жери алгачкы сүйүүсүнүн кадырына жете албаганы, аны жаштыгынан көрөт. Кээде бир чети ыраазы болуп да кетет, себеби ошол аруу сүйүүсүнөн тамган тамчы сымал калган кызы Мырзагүл, жүрөгүндө өчпөс болуп кызыл сыя менен жазылган, өмүр бою өзү менен кошо жашап өтчү Калыстын аты. Купуя сыры менен өзү гана сырдашып, өзүнө-өзү суроо берип, чечилбеген түйүндөй өмүр өтөп келе жатат. Ибарат ага үч уулду катарынан төрөп берип, апасын сыйлап турат. Деги адамга мындан артык бакыттын эмне кереги бар? Бирок пенде барга да, жокко дагы жеңил караган учурлар кезигет, топук кылып жашоо гана адамга баарын берчү жемиш экенин сезбей келебиз. Бул эки тагдыр сүйүүнүн символу десем жаңылышпайм дагы. Болгону эки суунун жээгинде бири-бирине жете албай аргасыз кол булгалап коштошсо да, түбөлүк жээктен кете албай, шуудураган эки кайыңга окшоп жүрөктөрү бири-бирин бир көрүүгө зар болуп жашоо уланып кете бермекчи. Жашоо ошонусу менен кызык тура. Аттиң, арман…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз