Айгүл ШАРШЕН


"Көл жээгинде өткөн кез"


Көл жээгинде шарп-шарп эткен дабышты тыңшап көпкө турду Кызжибек. Ал азыр чачын бубак басып, кыркка жашы чыгып-чыкпай улгайып калган. Жашоонун оорчулугун көрбөй өскөн бир кездеги эрке кыз тагдырынын катаал соккусуна туруштук бере албай чөгүп калган аялдардан эмес эле. Көз алдында өкүнүчтүү күндүн элеси. Көл жээгинде шарпылдаган көл толкунунун көбүрүп-жабырганы, муздак аба көңүлүн сергитип, өткөндү эсине алыш үчүн жалгыздап чыккан эле. Кечээ гана болуп өткөндөй болгону менен арадан бир топ жыл өтүп, анын ойлору эскирген көйнөк сымал, мына-мына чечип ыргытчудай абалга жетти. Бирок кээде ошол эски буюмдун эсте калаар жакшы мүнөтүн эстеп, ыргытып же өрттөп коюуга болбой турган буюмдай аялуу…

Бул тээ жетимишинчи жылдары болгон окуя эле. Агезде Кызжибек он алтыдагы суйсалган кыз, ата-энеси кареги менен тең айланып, оозунан чыкканын аткарчу. Эркеликтин бирде пайдасы тийсе, бирде зыяны тийген учурлар көп эле кездешип жатпайбы. Ошол күнү ал курбулары менен көлгө эс алганы барган, көл жээгинде ойноп, оюнга тойбой жүрдү.

- Асы-ыл, жетчи мага, кана жет!

- Мен сага азыр жетем, көлгө салып тумчуктурам, - деп Асыл Кызжибекти кубалап баратты.

- Жете албайсың! - деп кумду кече дароо көлдү көздөй жүгүрдү, тереңдей кечип баратып, эмеле ысып албырган жүзүндөгү күлкүсү тыйыла ичиркенип кетти.

- Кызжибек, кайт артыңа, чөгүп кетесиң, мен чарчадым, - деп Асыл жээкке отура кетти.

- Жинди болдубу, чөгүп кетет азыр, эмнеге анчалык ээлигип алган? - деди Назира.

- Ал менден качып жатат, Кызжибек дейм, чык суудан, мен жеңилдим! - деп кыйкырды Асыл.

- Азыр, азыр чыгам, - деген Кызжибек кандайдыр бир күч аны ары карай тартып жаткандай алдыга жүткүнгөнү менен жыла албай жээктен алыстап баратканын өзү да сезбеди. Аптыга дем алып, улам суудан колу гана көрүнүп арылап кетип жатканда кыздар чурулдап ийишти.

- Жарда-ам, кыз чөгүп баратат, жардам бергиле! - деп тизилген беш-алты кыздар кыйкырганча Кызжибек көрүнбөй да калды. Муну байкап турган жигит дароо жүгүрүп келип, көлгө секирди. Чабак уруп сүзүп жөнөдү жээктеги элдин баары жардана күтүп калышты. Он-он беш мүнөттөн кийин бейтааныш жигиттин Кызжибекти суудан алып чыгып келе жатканын көргөн кыздар ыйлап алышкан.

- Кызжибек аман бекен, аба?

- Ай кудай ай, сууга эмнеге түштү десең?

- Тирүүбү ыя, тумчуккан жокпу? - дешип кыздар бири-бирин чочулай карап, утурлай басып келишти. Кум үстүнө жаткырганда баары чурулдап жиберди.


- Кызжибек, көзүңдү аччы!

- Кызжибек, аччы көзүңдү, - дешип жакка чапкылап жатканда суудан алып чыккан бейтааныш жигит кыздын жаңыдан төрсөйүп келаткан төшүн бир карап алып:

- Мындай тургула, жасалма дем алдыруу керек, - деди. Анан эңкейип эки алаканы менен көкүрөк тушун басып-басып ийгенде Кызжибектин оозунан суу атып кетти. Терең дем ала какап-чакап көзүн ачып, өзүн жардана карап тургандарды көрүп:

- Мен… мага эмне болду? - деди алсыз.

- Этият болбойт белең, өлүп калсаң эмне болот? - деп жакын курбусу Асыл ыйлап жатты.

- Койгула, кыздар, баары артта калды, өзүңөргө сак болуп жүргүлө, - деген бейтааныш жигит Кызжибекке кайрылды. - Кана, чоң кыз, көлгө дагы жүгүрөсүңбү?

- Жок. - Кызжибек баш чайкап жылмая өйдө болду. - Рахмат, аба, сиз болбосоңуз…

- Эч нерсе эмес, бул менин адамгерчилик милдетим, макул анда эс ала бергиле, - деди да ары көздөй басты. Бул жигит шаардык бөлүмдүн аткаруу комитетинин биринчи секретары Өмүркулов Артык Садыбакасович болчу. Кызжибекти негедир жактырып калды. Ал үйлөнө элек, жыйырма сегиз жашта, эс алганы келген эле, ата-энеси ушул көлдөн болот. Жатаканасына барып, бир аз жатты да, кайра туруп сыртка чыкты. Көл жээгин көздөй баратып тык токтоду, кыздар дагы эле жээкте күн батышты карап алып, кум үстүндө буттарын сунуп отурушкан. Артык ары-бери басып, улам алар жакты карап коюп жатты. Бир кезде шарактаган кыздар бери көздөй жөнөгөндө ал кирип кетти.

- Кызжибек, жанагы жигит чоткий экен ээ? - деди Назира каткырып. - Менин жигитим болсо кана?

- Кайдагыны айтасың, ал бизди эмне кылмак эле? - деп аны жактыра бербей карады Асыл.

- Эмне, биз жигит карабай турган кыздар бекенбиз?

- Андай эмес, бирок тигил неме эс алганы келген чоңдордон окшойт, кызматчыдай түрү бар экен.

- Кызматчы болсо эмне экен, биз да окусак ошондой эле болобуз, мен быйыл кыз-келиндер институтуна барам, - деди Кызжибек.

- Мен орус тилчи болом.

- А мен тарыхчы болгум келет.

- Мына, биз дагы беш-алты жылдын ичинде бир кесипке ээ болобуз, алар эмне асмандан түшүптүрбү? - деди Назира.

- Туура, бирок анча-мынча сыйлоо дагы керек, - дешти чурулдап, каткырып күлө көл жээгиндеги айылдарды көздөй өтүп кетишти. Аларды акмалап алыстан көз салып турган Артык Кызжибектин бой-мүчөсүн, жайдары жүзүн карап көпкө турду. "Кандай кылып жолуга алам бул көлдүн ак куусуна? Кызжибек… Эң сонун аты бар экен, сулуулугу турган турпатына абдан жарашып калат экен, таанышуум керек, сөзсүз таанышам", - деп ойлоно бөлмөсүнө кирип, жатып калды. Атасы Садыбакас райондо райком болуп иштейт, жакында эле өз досунун кызын алып берем деп сөз кылган эле. Артык өзү өтө жоош, уялчаак жигит. Тартынчаактыгынан кыздар менен таанышпай окуу, андан кийин жумуш деп жүрүп, отузга чыгайын деп калгандыктан атасы үйлөнтмөк болуп жаткан. Садыбакастын досу да өзүнө окшоп, кызматтан-кызматка көтөрүлүп, анча-мынчаны көзүнө илбегендердин бири. Түнү бою көл жээгиндеги кызды эстеп уктай албай чыкты. Болгону үч күнү калган, отпускасы бүтсө эле жумушуна кетмек. Эртеси эрте туруп, жуунгандан кийин тамактанып алды да, көл жээгине барып серүүндөп басып жүрдү. Демейде эртелеп эч ким барбайт, күн жылыганда гана бажырап чыга келишет. Артык улам кечээги кыздар кеткен жакты карай берди. Бирок караандары көрүнбөдү. "Чечкинсиздигимден баарынан куру калып келе жатам, кечээ эле сүйлөшүп дайнын билип калсам болот эле го. Эми кайдан табам, жолуга албайт экенмин да", - деп өкүнө жатакананы көздөй жөнөдү. Көңүлсүз түшкү тамакты ичип, сырттагы отургучта ойлуу отурду.

- Салам! - деп жанына бир кыз келип отуруп калды.

- Салам, - деп койду көңүлкош.

- Сиз укмуш сүзөт экенсиз, кечээ бир кызды өлүмдөн алып калдыңыз, - деп эбиреп жатты тиги кыз. - Менин атым Айзада, сиз менен таанышкым келет, - деди колун сунуп жылмайып.

- Артык, - деп жигит кыздын колун кысып койду.

- Кайда иштейсиз?

- Шаарда.

- Жалгыз келгенсизби?

- Ооба.

- Үйлөнгөнсүзбү?

- Жок.

- Жигиттер деген чекесинен чертип каалаганыңарга үйлөнө аласыңар, кыздарга эле жаман, - деп койду Айзада.

- Эмнеге жаман, сиз деле каалаганыңызга баш кошсоңуз болот, азыр эркиндик эмеспи.

- Оой кайдан, мисалы сизди мага үйлөнүңүз десем болосузбу?

- Эмнеге?

- Мына-мына, баары ушинтип качышат, өзүм каалабаганга чыккым келбейт, ал эми каалаганым качат, - деп Айзада өз тагдырына таарынгандай улутунуп алды. Баятан бери көңүлсүз гана сөзүн угуп жаткан Артык эми бурула Айзадага назар салды.

- Сиз сүйгөнүңүзгө жолукканча шашпаңыз, ар нерсенин өз убагы болот, сиздей сулуу кызга кандай жигит ашык болбосун, күтүңүз, Айзада.

- Сиз сүйөт белеңиз?

- Кызык суроо, эмнеге мен, башка бирөөлөр сүйөөрүнө ишенем.

- Мен сизди көптөн бери көрүп жактырып жүрөм. Билесизби, мен эки окууну бүттүм, үч жылдык мугалимдикти, андан кийин журналистиканы бүтүрдүм. Азыр бир гезитте иштейм, айлыгым жакшы, анан мен жактырган адам мени жактырбайт, - деп Артыкты караса ал аны укпай эле жалдырап көл тарапты карап туруптур. - Эй, сизге эмне болду, эмнеге жалдырап калдыңыз? - деп түрттү эле ал укпагандай ордунан туруп, көл тарапка жөнөдү. - Кызык адам, оорулуу болсо керек, же менин сөзүмдөн тажап кеттиби? - деп ийинин куушура отуруп калды. Артык түш оой күн ысыганда келген Кызжибекти көрүп калган эле, жанында Асыл бар болчу. Ал кыздардын артынан баратып токтоп калды.

- Асыл, сен бирөөнү сүйүп көрдүң беле? - деди Кызжибек акырын курбусунун ийинине жөлөнө.

- Жок, сүйгүм дагы келбейт.

- Эмнеге?

- Сүйүү деген оору, а сен ошондой ооруга чалдыккың келеби?

- Эмнеси оору?

- Кабылган адамды жалынына каптаткан өрт, агызып дөңгөч кылып жээкке чыгарып койчу сел, тоңдуруп бороонуна буюктурчу аяз. Сүйүү деген ошондой нерсе, мен ага чыдай албайм, ошондуктан мага андай нерсенин кереги жок, - деп Асыл сууга түшүп кетти. Кумду чиймелеп отуруп калган Кызжибектин жанына Артык жакын келди.

- Салам, чоң кыз.

- Аа-а саламатсызбы? - Кызжибек тура калды.

- Сууга түшпөдүңбү?

- Жок…

- Кызжибек, мектепте окуйсуңбу?

- Ооба, быйыл бүтөм.

- Жакшы, ата-энең барбы?

- Бар.

- Канча бир туугансыңар?

- Бирөө.

- Жалгызсыңбы?

- Ооба.

- Эчтеке эмес, кайсы окууга тапшырайын деген оюң бар?

- Мугалим болгум келет.

- Жакшы экен.

- Сиз иштейсизби?

- Ооба, аткаруу комитетинин биринчи секретарымын.

- Эмне дейсиз? - Кызжибек жигитти карап алып кыткылыктай күлүп жиберди. - Чын айтасызбы?

- Калп айткан өнөрүм жок, эмнеге күлдүң, Кызжибек?

- Таңгалыштуу, сиздей кызматкер жападан жалгыз келеби?

- Келсе эмне болмок эле?

- Адатта чоңдор башкача эс алышат, бул пансионаттарга атайын заказ менен кыздарды алып келишкенин уккамын.

- А мен жалгыз, жөпжөнөкөй эле адамдар сыяктуу эс алгым келет, - деди Артык саал ыңгайсыздана.

- Жакшы экен.

- Күндө келип турасыңбы көлгө?

- Кээде, айрыкча жаздын күнү күндө келгим келет, бирок…

- Эмне бирок, бирөө жибербейби?

- Өзүм…

- Кандайча?

- Жөн эле, уйкудан бошобойм, - деп күлүп койду Кызжибек.

- Уйкучусуңбу?

- Ошондой, такыр тургум келбейт.

- Уйкучу, жалкоо кыз экенсиң да? - Артык дагы кызды карай жылмайып койду. Кыз көл жакты, улам өзүн карап коюп чумкуп жаткан курбусу Асылды карап турган, ушул турушунда ал жигитке жомоктогу перидей эле көрүндү. Кызжибек ойлуу көл толкунун тиктеп тура берди, жигит андан көзүн албайт. Бир кезде Асыл көлдөн чыгып келип, Артыкка бай ийкей учурашкан болду да, ысык кумга жата кетти.

- Кызжибек, сууга түшсөң, аябай сонун экен.

- Жок, көңүлүм жок. - Кызжибек курбусуна жакындады.

- Эмне коркуп жатасыңбы?

- Коркконум жок.

- Коркпо, бүгүн куткаруучу жаныңда турбайбы, - деп күлүп калды Асыл. - Коркуп калгансың го, курбум?

- Жо-ок, эмнеге коркмок элем? - Кызжибек тултуң этип таарына жанына отурду. - Эмнеге антесиң?

- Кызжибек, жүрү көлгө сүзгөндү үйрөтөм, - деди Артык суу кечип баратып. - Сүзгөндү үйрөнүп алсаң эч нерседен коркпойсуң.

- Жок, кереги жок.

- Эмнеге?

- Жөн эле.

- Кызжибек, бара берсеңчи, эгерде мага кимдир бирөө ушундай сунуш кылса жан демекмин. - Асыл каткырып тура калды. - Сиз менен таанышып алсак болобу?

- Албетте.

- Менин атым Асылай.

- Артык.

- Анда биз таанышпыз, жүрү, Кызжибек, чогуу көлгө түшөбүз, - деди Асыл Кызжибекти колунан тарта.

- Түшпөйм.

- Жаман капризный кызсың да, Кызжибек, мен сага таарындым, - деп Асыл ары карай басты. - Мен кеттим.

- Асыл, жөн эле көлдү карап отуралычы, макулбу?

- Кереги жок, канчага сенин өзүмчүлдүгүңө чыдап келем?

- Кечирип койчу эми, кел көлгө түшөлү, - деп Кызжибек күлүп, анын артынан жүгүрдү. Артык аларды карап туруп, жылмайып алды. "Али балалыктан алыстай элек шок кыздар экен, булар азыр ойноок сезим секелектер, кичинекей алсыз көпөлөктүн ушунчалык күчтүү болоорун ким билиптир. Буга чейин далай кыздарды көрсөм дагы ушул жаш секелек кыздын алдында өзүмдү мурдуна бок сыйпаса билбеген боз баладай алсыз экенимди азыр гана сезип отурам. Кудуретим жетээр бекен ушул кызды багынтууга, өз жүрөгүмдүн үнүн жеткирүүгө? Жок-жок, гүлгө конгон көпөлөктү чочутпай кармабаса көктү көздөй сабалап учуп кетет", - деп ойлуу эки кызды карап тура берди. Алар көпкө бири-биринин таарынычын жаза албай турушту. Бир маалда кол кармаша көлдүн түрүлүп жээкке карай келе жаткан толкунун жирей кечип жөнөштү.

- Арты-ык, биз кеттик карма-а! - деп Асыл эзелтеден берки таанышындай кол булгалап кыйкырып калды.

- Бизди карап ту-ур, чөгүп кетеби-из! - Кызжибек ага удаалаш эле кыйкырып сууга кирип кетти. Көлдүн алгачкы толкуну аларды түрүмүнө ороп, кайдадыр алып кеткендей Артык саамга карап калды. Анан үстүндөгү спортивкасын чечип ыргытып, кыздардын кирген тарапка бой таштады. Кыздар суу ичинде кол кармаша ылдый түшүп баратып, кайра өйдө көздөй чыга келди. Аңгыча Артык артынан жетип, Кызжибекти колдон алды. Асыл аларга катарлаша сүзүп келип, суудан башын чыгара энтигип:

- Корктуңбу? - деди Артыкка.

- Эмнеден?

- Бизди чөгүп кетти деп.

- Ооба, коркутуп койбодуңар беле.

- Кызжибек сүзө албайт, а мен үйрөтөйүн дегем.

- Экөөлөп үйрөтөбүз ээ?

- Жарайт. - Кызжибек көз кыйыгы менен уурдана Артыкты карап алып, кайра ылдый карап кетти. - Көлгө түшпөй койсо болбойбу, мен жөн гана жээгинде отурганды жактырам.

- Көлдүн кызы болуп туруп, көлдө ойногонду билбесеңер болбойт го? - Артык кызды сынай карады. - Ак чабак болуп көлдө ойносом, ак чардак болуп көлгө келип, сен консоң дечү беле?

- Ошондой деп акындар ыр жазышат, обончулар обон чыгарышат экен, бирок мен көлдө сүзгөндү анча жактырбайм да.

- Ак куу болуп көл үстүндө гана учкуң келеби? - Артык күлүп калды.

- Канатым болсо кана…

- Сенде канат болсо бизге окшогондор жетпей зар болот чыгар?

- Эч кимге жеткизгим келбейт.

- Неге?

- Адамдар мага ар дайым коркунучтуу сезиле берет.

- Кызжибек, эч качан адамдарга ишенимди жоготпош керек, анткени өзүң дагы ошол эле адам баласынын бирисиң.

- Туура, бирок беш кол бирдей эмес.

- Сен али жашсың, али турмуштун өңгүл-дөңгүлүн, ой-кырын көрүп, ачуу-таттуусун тата элексиң, - деп экөө кумга отуруп алып, сүйлөшүп жатканда артынан үн чыкты.

- Артык, эмнеге унчукпай эле баса бердиң? - Бул Айзада эле.

- Аа-а, эмне болду?

- Мен сени күтүп жатпайымбы? - деп Кызжибекти сүзүлө карап, Артыктын ийинине колун койду. - Сулуу кыздарды көргөндө жүгүрүп кеткениң жарабайт, - деп кыйды жылмайды.

- Айзада, мен эч кимге көз каранды эмесмин. - Артык кызык абалда калып тура калды. - Кайда барарымды өзүм билем.

- Кой-кой, жигит, мен дагы жаныңда ойноп жүргөнүм жок.

- Сен экөөбүздүн эч кандай байланышыбыз болбогон соң менин тынчымды алба, - деп жиндене Артык ары басты.

- А мен сен деп жүргөн жан экенимди унутпа-а, - деп Айзада сөөмөйүн чычайта Кызжибекти дагы сырдуу карап коюп, Артыктын жанына барганда ал:

- Айзада, кыздардан уят кетип калганбы? Сени жарым саат мурун гана көрдүм, а сен көптөн бери тааныштай кыжырымды келтиресиң. Мага экинчи жолобо, өз жолуң менен бол! - деп кайра бери басканда Кызжибек шашыла ордунан туруп, Асылды издеди. Ал ары жакта бир жигит менен турган экен. Кызжибек аны көрүп, көл жээгинен алыстай жүгүрдү, демек ал үйүнө жөнөдү. Артык кыздын артынан жүгүрдү.

- Кызжибек, токтой турчу, токточу!

- Кереги жок, кетиңиз ары! - деп чуркап кетип баратканда Артык анын артынан калбай келе берди. Бери жактан Айзада аларды кытмырлана күлүп карап турду. Ал Артыкты сүйүп калып, артынан издеп келген. Эми анын Кызжибектин артынан жүгүрүп кеткенине жини келип: "Экөөңөргө тоскоолдук жасай албасам эле Айзада атым өчсүн, мен сүйгөн адам мени сүйбөсө өмүр бою тынчтык бербейм, өзүм дагы тынч ала албайм", - деп ойлонуп ызалана эс алчу бөлмөсүнө кирип кетти. Артык айылдын четинен Кызжибекке жетип, карыдан кармап калды.

- Кызжибек, сен мени уксаң, бир азга эле аярлачы!

- Сиз кимсиз мага, эмнеге сизди угам? - Кызжибектин көздөрү Артыктын көздөрүн теше жалт карады. - Барыңыз дейм, менин сизде жумушум да жок!

- Ооба, туура айтасың, Кызжибек, бирок сенден суранам, бир мүнөткө мүмкүнчүлүк берчи.

- Эмне үчүн, кандай жумушуңуз бар менде?

- Эч кандай, бирок биз жаңыдан таанышкан адамдарбыз да, жөндөн-жөн эле, коштошпой кетип калуубуз болбогон иш, - деген Артык демиге туруп калды. - Билесиңби, мен үч күндөн кийин кетем, ошондуктан жолугуп турсакпы дегем.

- Эмнеге жолугабыз, бир көргөн жолоочу менен эле жолуга бергидей жолдо жүргөн кыз эмесмин.

- Билип турам, жөн гана жолугуп туралы, менин жумушума байланыштуу быйыл туулуп-өскөн жериме келип иштемек болуп жатам, балким кызматымды жакында ооштурам.

- Туулуп-өскөн жериңиз кайда? - деди Кызжибек жумшара.

- Бөкөнбаевден болом.

- Жердеш экенбиз да.

- Ооба, ата-энем шаарда болгондуктан ошол жакта чоңоюп өскөм, окудум дегендей. Жок дегенде ата-энеңдин ысмын айтчы, Кызжибек, - деп Артык кыздын көздөрүнө жалооруй тигилди. - Мен ачык сүйлөп көнгөмүн, бул жерге атайын сени издеп келгем, - деди күлмүңдөй.

- Билбеген-көрбөгөн адамды издөөгө кантип болсун?

- Көрбөсөм жүрөгүм сезген, сага жолугаарымды сезгемин, Кызжибек.

- Жомок уккудай беш жашар эмесмин.

- Сөздү укчу эми, бир аз токтоорок болсоң, - деп эркелете карап, күлүп койгондо кыз дагы күлүп жиберди.

- Эмнеге, токтоо эмес бекенмин? - Кыздын көздөрүндө күлкү ойноп, секелек сезимге бериле жер карай берди.

- Сенби, сен секелексиң.

- Ооба, - деп бетин басып калды Кызжибек. Ошол убакта ары жактан келе жаткан Асыл аларды көрүп жай басып калды.

- Сен али ойноо баладай шок кызсың, менин жүрөгүм сендей кызды издеп жүргөн, эми гана таптым дегенде шоктонуп колумдан учуруп ийе жаздадым.

- Үйлөнгөн эмессизби? - деп капыстан сурап ийди Кызжибек.

- Үйлөнгөн болсом неге сага окшогон шок кызды издейм?

- Кечириңизчи.

- Кызжибек, ким дегендин кызы болосуң?

- Атамдын аты Кубатбек, апамдын аты Шааркан.

- Жакшы, куда түшкөнгө жуучу жөнөтсөм болоор бекен, же кудалаган кайының, сүйлөшүп сөз бекиткен жигитиң барбы?

- Жок-жок, али эрте, - деп Кызжибек кызара бетин баса калды. - Жуучу жөнөтөм деп кызматыңыздан айрылып калбайсызбы?

- Сен үчүн кызматтан кетип селсаяк болууга даярмын, Кызжибек, андай ишти жең ичинен эле жасап койсо болот, адегенде сен макул болсоң болду. Башың бош болсо колуңду сурап ата-энеңдин алдына түшүрөйүн, - деп Артык кыздын колун чочутуп албайын дегендей аста кармады. - Сен Үкөй болсоң, мен Боогачың болоюн, жүрөгүмдү бир өзүңө арнайын, Акмөөр болсоң дүйнөгө бир жаралган, Болот болуп мен артыңдан барайын.

- Коюңузчу…

- Эртең көлгө жалгыз келчи, Кызжибек, жалгыз экөөбүз гана жээктеп басып, ак куунун канат күүлөгөнүн көрөлү, шарпылдаган көл дабышын бирге тыңшап угалы. Бизди көргөндөр суктанып карагыдай болуп, көл жээгинде ары-бери басалычы, Кызжибек. Сен кааласаң Төлөгөнүң болоюн!

- Билбейм, байкап көрөйүн, - деген кыз жүзү албыра жүрөгү лакылдай терс бурулуп жүгүрүп жөнөдү.

- Күтөм, Кызжибек! - деп Артык узата карап туруп калды. Жүрөгү түрсүл какканынан көкүрөгүнө колун коюп оор дем алып алды да, башын чайкай артына бурулуп, жанына келип калган Асылды көрдү.

- Кайдан жүрөсүз биздин айылда? - деп Асыл билмексен боло сурап калды.

- Ысык-Көл менин дагы жерим, Асыл, өз туулган жеримде кандай жүрсөм өз эрким го деп ойлойм.

- Андай болсо талаш жок, куш качырган ылаачындай талпынып турганыңызды айтам.

- Болсо болоор, мындай ажайып кооздугу ашып-ташып турган мезгилде куштар сайраган айлананын кереметине кимдер суктанбаган. Көл жээгинен кулпуруп өскөн аппак кайың көрдүм, кайыңга конуп алып кербездене көркүнөн күн уялган бир тоту куш көрдүм. Ошол тоту кушту колума кондуралбай убарамын.

- Көргөнүңүз туурадыр, бирок көлдөгү каркыраларды көрбөсөңүз керек, торгою да, булбулу да бар. Көзүңүзгө түшкөнү бар болгону бир тоту куш болдубу? - деп Асыл жылмая Артыктын бутунан башына чейин бир чолуп карап алды. - Балким ак куу көргөн болбоңуз?

- Ак кууну көрдүм десем көз тийеби дейм, мен үчүн тоту куш болуп капаска түшүп берип, күндө миң ирет сүйлөп берип турса деп эңсейм, Асыл.

- Андай болсо жарасы жеңил, - деп ойсоңдоп койду.

- Сүйлөштүк, менин жүрөгүмдөн жарып чыккан сүйүүмдү жеткир, Асыл.

- Жарайт, аракет кылып көрөйүн.

- Эртең саат ондо күтөм, - деп коюп басып кетти, Асыл менен негедир көпкө сүйлөшкүсү келбеди. Жүрөгү элеп-желеп боло пансионатка келип, эми жатчу бөлмөсүнө кирип баратканда алдынан Айзада чыга калды.

- Артык, сени күтүп жаттым эле, жүрү тамактанып алалы, - деп колтуктан алды. Анын бул кылыгы Артыкка жакпай, кагып да койо албай.

- Айзада, сен экөөбүз бүгүн гана көрүштүк, эмнеге мындай кылып жатасың, мен өзүм эле тамактанам, койо бер мени, - деди аста гана.

- Артык, мен сени көптөн бери билем, кайда кеткениңди биле албай жатып, бүгүн зорго таптым. Мен сени сүйөм! - Айзада аны койо бербей ыйламсырап ийди.

- Мен сени сүйбөйм, Айзада, жолдон жолуга калып эле сүйөм деп жабышкан кыздын салты эмес, кыргыз кыздары кайдан ушинтчү эле, мындан ары жолумдан чыкчу болбо! - деп бөлмөсүн ачып кирип кетти. Бирок Айзада дагы өзүнчө өч алууга, өз сүйүүсү үчүн күрөшүүгө өзүнө-өзү ант берип жатты. Артык бөлмөсүнө кирип жинденип алды: "Жинди кыз го, неге өзүн таңуулайт, кыз деген сүйөм деп качан айтчу эле? Бир аз жетишпесе керек, минтип отурса Кызжибекти менден качырат, эмне кылсам экен?" - деп башы каткыча ойлонуп жатып, анан ашканага чыгып тамактаныш үчүн бөлмөсүнөн коридорго башбакты. Эч ким жок экенин көрүп, акырын басып ашканага өтүп баратса, Айзада барда арак ичип отуруптур. Ага көрүнбөй ашкана жагына өтүп тамактанды да, кетип калды. Түн бир оокумда эшиги тыкылдаганда чочуп ойгонуп кетти.

- Артык, Артык, ачып койчу, - деген Айзаданын үнүн угуп үндөбөй жата берди. - Артык, мен сени сүйөм, баары бир мен сени сүйөм! - деп каккылап жатканда ары жактан бирөө келип:

- Элдин тынчын неге алып жатасыз, мындай кылсаңыз сизди бул жерден кетирип жиберебиз, жаш эле кыз экенсиз, - деди эле Айзада ага болбоду.

- Койо берчи, бир сүйлөшүп алайын.

- Уктап калган элдин тынчын алып жатпайсызбы! - деп эптеп алып кеткендей болду. "Өх", - деп алды Артык, ошол бойдон таң атканча уйкусу келбей жатып, таң агарганда гана көзү илинип кетти. Ошол бойдон чак түштө ойгонду, көзүн ачып эле ыргып турду, саатын караса тогуз жарым болуп калыптыр. Шашып-бушуп жуунуп чыкты да, ашканадан тамак ичип алып, анан Кызжибектин келээр жолун карап, аркы-терки басып жүрдү. Негедир ал кечигип жатты. Эки жакты элеңдей карап турганда жанына Айзада дагы келди.

- Кимди күтүп жатасың?

- Эмне ишиң бар? - Орой жооп бере жаман көзү менен карады Артык.

- Билгим келет, мен сени сүйгөндүктөн ар бир кадамыңды билгим келет.

- Айзада, сен мени көчөдө жүргөн боз балдарга теңебе, эгерде дагы ушинтип жаныма келчү болсоң… - Артык ары жактан курбусу менен келе жаткан Кызжибекти көрүп калды. - Бар, өз ишиңди кылчы!

- Мен бул жерге сен үчүн келгемин, аны унутпа.

- Менин ишим да жок! - Артык кыздарды утурлай басканда Айзада аны ээрчий жөнөндү. Кызжибек аны көрүп токтоп калды.

- Кандайсыңар, кыздар, жакшы эс алдыңарбы? - Артык кыздар менен учурашмак болгондо Айзада кошо жетти.

- Салам, кыздар!

- Салам, - деп койду Асыл, Кызжибек ойт берип дагы артка кетмек болгон менен Артыктан уялып туруп калды.

- Биз силерди абдан күттүк, кечиктиңер го, кыздар? - деп Айзада аларга сүйлөп жатканда Артык аны жини келе карады да:

- Жүргүлө, кыздар, көл жакка басалыбы? - деди.

- Сиздер бара бериңиздер, биз Асыл экөөбүз тигил жакка эле барабыз, - деп Кызжибек Асылды колтуктай тескери жөнөгөндө Артык:

- Кызжибек, мен силерди күтүп жатам, а бул кызды тааныбайм дагы, эч көңүлүңөргө албагыла, - деп Айзаданы ары жетелеп барып, түртүп жиберди. - Менин жолумдан чыкчу болбо дебедим беле?

- Артык, мен сени сүйөм, сенсиз менде жашоо жок, баары бир кайрылып келээриңди билем! - деп Айзада кыйкырып кала берди. Артык Кызжибектин жанына жетти.

- Сиз аны таштап кеттиңиз беле? - деп сурады Асыл.

- Кайдан, кечээ эле пайда болду, ушундай уятсыз кызды көргөн эмесмин, кыз башы менен эркекти сүйөм деп ээрчип. - Артык ачуусу келгенинен туттуга сүйлөп жатты. - Силер мени кечиргиле, ортодон чыга калып силердин дагы көңүлүңөрдү түшүрдү.

- Болоор-болбоско чөкпөйбүз, сиздин көөнүңүз бизде турганда башкага капа болуу жарабаган иш, - деп Кызжибек Артыкты карабай туруп айтты. Үчөө көл жээгинде басып жүрүштү, бир кезде Асылдын жигити келип калды эле ал ары көздөй кетип калды.

- Кызжибек, сен эч нерсеге көңүл бурба, адамдар кээде бири-бирине тоскоолдук жасай беришет, керек болсо өлтүрүүгө чейин барышат. Бирок биз баарын жакшы мамилебиз, ак пейилибиз менен жеңе алабыз, - деп Артык Кызжибекке карады.

- Макул, эми эмне демексиз?

- Сени меники бол деп айткым келет.

- Ошондо эмне…

- Биз үйлөнөбүз, - деген Артык Кызжибекти аста колтуктап алып көл жээктей басып жүрдү. Ошол күнү кыз жүрөгү жигитке баш ийгендей ар бир сөзүнө маани берип угуп жатты. Эки күндөн кийин Артык үйүнө кетти, ал бир аз көңүлдүү келди үйүнө. Мурда өзүнөн-өзү туткунда жүргөнсүп бир нерсеге кыжаалат болуп, түнөрүп жүрө берчү. Баласынын кебетесин көргөн Садыбакас.

- Ээ апасы, уулуң эми жаш эмес, карт бойдок атанып жүрө бербей үйлөн дейли, - деп аялына карады. Үпөл эгиздин түгөйү, абдан оор басырыктуу аял, күйөөсүнүн жүйөөлүү сөзүнө:

- Балаңдын мүнөзү өзүңө маалым, сен айтканга көнөбү-көнбөйбү билбейм, андан жоопсуз бекер чечим чыгарып жаткан жоксуңбу? - деди.

- Эмнеге, мен жаман болсун демек белем, келечегине жакшы, бардар үй-бүлөдөн чыккан кыз, тарбиялуу, эс-акылдуу, окуп билим алган кыз.

- Ошентсе да өзүнө карап иш кыл.

- Мен кандай айтсам дал ошондой болот, эч ким менин сөзүмдү эки кылган эмес, - деп күпүлдөдү Садыбакас.

- Ай билбейм, балаң көнөөр бекен? - Ошол убакта Артык келди алардын жанына.

- Отур, уулум, мына окуп-чокудуң, жакшы кызматта отурасың, ары жагыңда болсо улам өйдөлөш өз колуңда, - деп Садыбакас сөзүн алыстан баштады. - Эми сен үйлөнүшүң керек, отузга чыгайын деп калдың, бойдокчулукту ташта, сендейимде мен эки балалуу болуп калгамын, - деп керсейе айтканда Үпөл жактыра бербей Артыкка көз жиберди. Садыбакастын мурунку аялынан эки уулу бар экенин Артык билчү эмес, Үпөлдөн Артык жана Аруужан деген кыз бар.

- Эки уулдуу болгом дейсизби? - Артык атасын суроолуу карады.

- Ооба, аны эбак айтышым керек эле, - деп Садыбакас Үпөлдү карады, ал айтсаң-койсоң өзүң бил дегендей унчукпады. - Менин сенден башка эки уулум бар, алар үй-бүлөлүү, аларды дагы окутуп-чокуттум. Сен буларды эбак билишиң керек эле, бирок айтууга убакыт болбоду…

- Жакшы экен, - деди Артык, бирок кызыктай акыбалда калды. - Алар кайда анан?

- Ушул шаарда, бири мугалим, бири врач Садыбакасовичтер.

- Уулум, атаң мурда аял алган, ажырашып кетиптир, анан биз үйлөнгөнбүз, - деди Үпөл. Атасы ал үй-бүлөсү менен жашап жатканда эле экөө жүрүп алып, Артык төрөлгөндөн кийин үйлөнгөнүн айтып ийеби деп чочуп кетти.

- Ооба, ошондой болгон, - деп койду Садыбакас.

- Кел, балам, чайдан куяйын.

- Жок, апа, курсагым ток.

- Кана, балам, мен баарын сүйлөшүп койдум, эмки жумада үйлөнүү тойду өткөрө берсек болот го дейм? - Садыбакас Артыкты карады.

- Эмнеге эмки жумада, кимге үйлөнөм?

- Жантөрө Абдылдаевичтин кызы Айзадага!

- Айзада?

- Ооба, биз бала кезден доспуз, эми минтип үзөңгүлөш болуп кызматташпыз, кудай кошкон куда бололу деп чечтик, кызы эки окууну бүткөн экен, абдан тарбиялуу, акыл-эстүү кыз.

- Жок, ата, мен ага үйлөнбөйм! - Артык ордунан тура калды.

- Айзаданы мен жакшы билем, аны көрсөң кудай деп эле үйлөнөсүң, чырайлуу кыз.

- Менин башка сүйлөшкөн кызым бар, үйлөнсөм ошого үйлөнөм, болбосо так өтөм, - деп кетип калды. Өз бөлмөсүнө келип алып, бушайманданып бир кызык боло берди. "Ошол Айзада го, эки окууну бүткөм дебеди беле, атайын артымдан түшкөн окшойт, ошону кантип алам? Кой, мен эртелеп кызматымды которууга арыз берейин", - деп ойлонуп жатты. Садыбакас менен Жантөрө макулдашып койгон соң кызы Айзаданын көлдөн келишин күтүп жатышты. Айзада абдан эрке, өз билгенин кылган кыз. Ата-энесине айтпай-дебей кеткенине бир ай болуп калган. Ошол күнү кечинде ал абдан кызуу келди, апасы Гүлсана дабыш чыгарбай өз бөлмөсүнө алып кирди.

- Уят эмеспи, атаң укса эмне дейт ыя, адепсиз кыз болдуң го?

- Апа, мен бактысызмын, мени эч ким сүйбөйт, - деп сүйлөй берди Айзада.

- Сен ушинтип ичип, ээн баштык кылып жүрсөң ким сүйөт, үнүңдү чыгарбай жат, эртең сүйлөшөм, - деп Гүлсана бөлмөсүн жаап чыгып кетти. Атасынан бир аз айбыккан Айзада унчукпай жатып уктап калды. Эртең менен башы ооруп жатканда Гүлсана кирди:

- Тур, атаң чакырып жатат, маанилүү сөз бар дейт.

- Кандай сөз экен?

- Сен жөнүндө.

- Эмне, мени ичип келди деп айттыңбы, апа? - Айзада ыңгырына зорго баш көтөрдү.

- Жок, сени күйөөгө беребиз, тур, кызым, бул адатыңды ташта, атаң жакшы кишиге кудалашып жатат. Буйруса, күйөө балалуу болобуз, кызым, - деп эңкейип өөп койду.

- Койчу эй, апа, эмне, мен кичинекей белем? - Эркелей кетти.

- Сен биз үчүн кичинекейсиң, кызым, тур эми, тура гой.

- Азыр, - деп араңдан зорго туруп жуунуп, өзүн ирээтке келтирди да, ашканага кирди.

- Оо! Ай, кызым, кандай? - деп Жантөрө обдула калып өзүнө эңкейген кызын эки бетинен өптү. - Кандай иштериң?

- Жакшы.

- Кызым, эми сенин дагы убактың жетти, менин бир досум бар, анын бир уулу бар экен, райондук аткаруу комитетинде секретарь болуп иштеп жатыптыр. Жума күнү силерди жолуктуруп, сүйлөшөбүз, кийинки эле жумада тоюңарды өткөрөбүз.

- Ата-а, көрбөй-билбей эле мен эмне, кереги жок.

- Көрүп-билгениң болсо айт анда, жыйырма бешке чыктың, картайып кеткиче жүрө бересиңби?

- Тийбейм баары бир. - Айзада тултуктап туруп кетмек болгондо Жантөрө:

- Отур! - деди олуттуу. - Кайда барасың?! Сенин тагдырыңды мына мен чечем, мен айткандай гана болот, кепти укпай кыйшаңдасаң балалыктан кечип койом!

- Ата, эгерде ал мени жактырбасачы?

- Сен эмне маңкасыңбы же сокурсуңбу, элдей эле кебетең бар, эмнеге тартынасың, мен аларга кызым абдан сулуу деп мактанып койдум, унчукпай тилди ал!

- Ата-а, - Айзада эркелей жерди тебе булкулдап жатты, - эмнеге мени бирөөгө таңып жатасыз?

- Таңганым жок, биз досторбуз, ошол достукту кайрадан жандантып, жакындатыш үчүн балдарыбыздын башын кошуп, куда бололу деп жатабыз. Садыбакас райондун биринчи секретары, андан ким отказ кыла алат, баласы аткаруу комитетинде өсө турган жаштардын бири. Буйруса келечектеги райком, керек болсо ЦКага чейин көтөрүлчү бала. Анан жакшы жигитти колдон чыгарууга болобу?

- Болсо боло берсин, эмнеге эле жабышасыз, баары бир ага барбайм! - деп Айзада туруп кетти.

- Кызыңды өтө телтеңдетип койдуң, эми көндүрүп көр, - деди Гүлсана.

- Сен эмне кылып жүрөсүң, энесиң го сен, айтпайсыңбы дурустап, сен үчүн ушинтип жатабыз деп.

- Айтпай жүрөт дейсиңби?

- Иши кылса тейтеңдебесин, айтып кой.

- Айта-ам, атасы, бирок кыйын болуп калды го-о?

- Кыйын болгону эмнеси? - Жантөрө аялын ормойо карады.

- Өз билгенин жасаганга көнгөн дегеним да…

- Бала эмеспи, сен экөөбүзгө эркелейт, байбиче, эрге тийгенден кийин ким билет, эркелеп алсын.

Айткандай эле жума күнү балдарды тааныштыруу үчүн Садыбакас досун үйүнө чакырууга камынып жатты. Артык дал ошол күнү кабинетинин телефонуна чалган Кызжибек менен сүйлөшүп отурду.

- Кандай, Кызжибек, окууларың жакшыбы? - деди Кызжибек экенин билгенден кийин.

- Жакшы. - Кыз саал бош сүйлөдү.

- Ата-энеңдер жакшы жүрүшөбү?

- Жүрөт, мен эртең Фрунзеге барам, - деди кыз ары жактан акырын, үнүнөн толкунданып жатканы билинип турду.

- Жакшы болот, кайсы учурда чыгасың?

- Эртең менен, ал жакта эжемдикине бармакмын.

- Кош колдоп күтүп алам, келемин дегениңе кубанычтамын.

- Рахмат, ошону айтайын дегем, жакшы туруңуз.

- Көрүшкөнчө, - деп кубанган Артык кабинетинде көпкө отурду. Ата-энеси болсо конок камын көрүү менен алек. Артык үйүнө баргысы келбей жатты, ал Айзаданы көргүсү жок, дилинде сезгени чындык эле, аны кабыл алгысы келбеди. "Кайдан да жабышып калды десең, эми биротоло чапталып албагай эле. Кантип кутулам, чогуу отурганда эле ачык айтам, мени эмне байлап бермек беле", - деп чечкиндүү ордунан турду, анткени кеч кире баштаган болчу. Ал келгенде эбак эле коноктору келип, атасы менен апасы алар менен бакылдашып отурушкан экен. Босогодон киргенде эле Үпөл көрө калып:

- Келдиңби, балам, коноктор келип калды, колуңду жууп үйгө кир, - деди.

- Эмне бар алардын үстүнө, - деп бурк этти Артык.

- Эмне бар дегени эмнеси экен, баары сен үчүн болуп жатпайбы, кыз жакшынакай экен, көңүлгө толду.

- Силерге жакса мага жакпайт.

- Апей, ботом, сен аны кайдан билесиң? - деп суроолуу тигилип калды Үпөл.

- Тааныйм.

- Мейли, таанысаң дагы учурашып кой.

- Азыр…

- Жуун, жуунуп, кийимиңди алмаштырып чыга кал.

- Ооба, өзүм кирем, - деп жуунуп колун аарчып, өз бөлмөсүндө бир аз отурду. "Эмнеге өз эркиме коюшпайт? Бала курактан өтпөдүмбү, өз тагдырымды өзүм чечүүгө акым бар. Балким башка эле Айзададыр, сыр билгизбей таанышып койойун, атамдын көңүлү калбасын", - деп үстү-башын каранып алып, коноктордун үстүнө киргенде дароо эле Айзада көзүнө көрүндү. Ал дагы эси оой карап туруп калды, Артык ирээнжий түштү.

- Саламатсыздарбы? - деп ал Жантөрө менен кол алыша учурашты да, Гүлсанага баш ийкеп койду.

- Оо Азамат, кел-кел! - деп койду Жантөрө.

- Жумуштан кеч чыгып…

- Эчтеке эмес, жумушту мына атаң экөөбүз иштеп келе жатабыз го, Коммунисттик партиянын милдетин аткарбасак болбойт да.

- Уулум, бүгүнчө жумушту токтотуп ишти сүйлөшөлү, мына досумдун кызы Айзада менен таанышып кой, - деп Садыбакас Айзадага кайрылды.

- Биз таанышпыз, - деп жиберди Айзада озуна.

- Оо-ой, таанышпыз дейсиңби, кызым? - Жантөрө кызын алая карады. - Силер кайдан таанышсыңар?

- Айзада жаңылышып жатса керек, биз тааныш эмеспиз, - деп Артык кызара сүйлөдү. - Мени бирөөгө чаташтырып алса керек.

- Кызы-ык, бириңер таанышпыз десеңер, бириңер тааныш эмеспиз дейсиңер, муну кандай түшүнсө болот? - деп Садыбакас бакылдады. - Кандай болгон күндө дагы эми таанышсыңар, биз Жантөрө экөөбүздүн достугубуз эми куда болуу менен ого бетер бекемделет!

- Ата, - Артык ордунан козголо сүйлөдү, - биз бала эмеспиз, дегеним биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө акылуубуз, өз пикириңиздерди таңуулаганча достугуңарды өз жолу менен алып жүрө бериңиздер! - деп үстөлдөн туруп кетти.

- Садыбакас, бул эмне баланын оюнчугубу? - Жантөрө керсейе карады. - Каалабаса да отуруп турбайбы, сен бу жакшы тарбия бере албагансың го уулуңа?

- Кайда бармак эле? - Садыбакас ойлуу жаагын таяна отуруп калды. - Балдарды көкүлүнөн сылап, көзүнө карап өстүрүп койсоң ушул экен да…

- Биздин кыз дагы жерде калбас, сенин бир сөзүңдү жерге таштабайм деп кызымды ыңгайсыз абалда калтырдым, - деди Жантөрө нааразы боло. - Ооба-а, Айзада дагы айтты, кереги жок деп, мен болбой күчкө салып алып келдим эле…

- Жаке, али эч нерсе боло элек, мен сенин кызыңды келин кылып алам дедим, демек Айзада менин келиним болот, эгерде тилимди албаса, андан кечип койом!

- Атасы, айтуу оңой, аткаруу кыйын, өтө катуу кетпе, көнөөр, угаар сөзүңдү, балдарга жаман айтууга азыр эрте, - деп Үпөл жай түшүндүрдү. Аңгыча колго суу куюлуп, эт келди, тартылган тамак желип бүткөндөн кийин суз гана коштошуп тарашты. Жантөрө досуна ичинен нааразы болуп калды, Айзада болсо түнөрүп алган. "Мен сени эч кимге бербейм, баары бир жеңип чыгам, көрө-өрсүң, Артык, бизди тагдыр кайрадан кошуп отурат, мен өз бактым үчүн күрөшөм", - деп ойлонду. Эртеси, анын эртеси дагы ордунан турбай жатып алды. Гүлсана ичинен: "Бул ичип, ээнбаштык кылып өз билгенин жасап жүрүп көргөн экен. Анда Артык буга үйлөнбөйт, эмне кылсам экен, кудай ай, бактылуу эле болсо экен деги", - деп ойлонуп үстүнө кирди.

- Айзада, бирдеме ичип алсаң боло, кардың ачкандыр?

- Ичпейм, кыйнабагылачы мени.

- Ушул кыялыңды оңдоп жүрсөң боло, эми сен бир үйдүн ээси боло турган куракка жеттиң, ак-караны бөлүп түшүнөөр убагың, кызым. Артык болбосо башкасы тургандыр, акыл токтотуп эсиңе кел, - деди жанына отуруп чачынан сылап.

- Эч кимдин кереги жок, барыңызчы, апа!

- Тур, тамагыңды ичип ал.

- Ичпейм дедим го?!

- Өзүң бил, бул кыялың жакшы жакка алып барбайт, - деп апасы кейий чыгып кетти.

Айзада: "Эмнеге мени Артык сүйбөйт, менин эмнем кем башкалардан, мен өз сүйүүмө жетүүгө акым бар, күрөшөм сүйүүм үчүн", - деп ыйлап жата берди.

Артык эртеси бажырайган гвоздика гүлүн алды дагы Кызжибекти тосууга автовокзалга келди. Көп күттүрбөй эле автобустан түшүп келе жаткан кызды көргөн Артык аны утурлай басты.

- Салам, чоң кыз.

- Салам. - Кыз бажырая күлүп каршы алды.

- Фрунзеге келишиң менен!

- Рахмат, биринчи келген жокмун.

- Баары бир келишиң мени кубантып турганын сезсең, - деп жигит гүлдү сунду. - Ушул гүлдөй болуп качан болсо да бажырайып ачылып турушуңду каалайм!

- Рахмат, - деп Кызжибек гүлдү жыттай жылмайып койду.

- Эч нерсе эмес, кана кайда жөнөдүк?

- Менин эжем Токмокто турат.

- Жо-жо-ок, азыр адегенде бир жерден тамактанабыз, андан кийин театрга барабыз. Мен сага мейманканадан орун алып койдум, бүгүн эс аласың, эртең жеткирип койом, - деп Артык кызды колтуктай басты. - Окуулар кандай?

- Жайынча.

- Арадан бат эле үч ай өтүп кеткенин кара…

- Ооба, сиз кат жазам дедиңиз эле…

- Тартындым, ата-энең билип калса сага сөз тийеби дедим.

- Мени ойлодуңузбу деги? - Кызжибек жигитти көз кыйыгы менен карады.

- Айтпа, жетүүмө канат гана жетишпей калды.

- Чынбы? - Кыз бырс күлдү. - Канатыңыз болсо кантет элеңиз?

- Учуп барып, күндө жаныңда болмокмун.

- Сыйкырчыдайбы?

- Дал ошондой.

Экөө шаардагы кафелердин бирине кирип орун алышты. Биринчи, экинчи тамак алып түштөнүштү да, ээрчише сыртка чыгышты. Ошол күнү Кыргыз Драма театрында "Аста секин колукту" спектакли болмок экен, кечке ары-бери басып жүрүшүп, кечинде театрга киришти. Оюн көргөндөн соң Артык Кызжибекти мейманканага жайгаштырып коюп, коштошуп кетти. Кызжибек жалгыз номерде жатып алып, ойлонуп өзүнчө бактылуу. Келечек бактысын Артыксыз элестете албай калган. Бирок суктандыра бажырайып ачылган гүлгө ким суктанбаган да, ким көз салбаган. Кызжибектин номерге бир жигит менен киргенин ошол жерде эс алып жүргөн бир киши байкап калды. Коридордо ары-бери басымыш этип жүрүп, Артыктын чыгып кеткенин дагы көрдү. Көптөн кийин эшикти тыкылдатты.

- Ким? - деди Кызжибек ачпай туруп.

- Чоң кыз, эшикте бир жигит сизди чакырып жатат.

- Ким экен?

- Атын сурабадым, түндөсү эч кимди киргизбейт да, эшикке чыга калсын, сөзүм бар деп жатат, - деди арам ойлуу киши.

- Азыр? күтө турсун, - деп шашыла кийинип алып, эшикке чыкканча машинасын дайындап турган "каракчы" кызды оозу-мурдун басып, машинага салды да, зыр койду. Тыбырчылаган кыз алы кетип сулк жатып калды. Мейманканадан эч ким билбей калдыбы же атайын сүйлөшүп койгонбу, айтор артынан кууган, кызды издеген эч ким болбоду. Зөөкүр неме кызды түнү менен каалаганча эрмектеп туруп:

- Азыр ордуңа барып жатып кал, бул кыздыгыңдын акысы, келин экен дегемин, кечирип кой. Андан эчтеке болбойсуң, мени издеген менен таппайсың, бирдеке десең өзүң уят болосуң, - деди.

Анан мейманкананын алдына жеткенде оозун, колу-бутун таңган чүпөрөктү чечип, жерге түшүрүп коюп, машинасын айдап кетип калды. Ботодой боздогон Кызжибек администраторго байкатпай кирип, сумкасын алды да, ачкычын тапшырып чыгып кетти. Артыкка эми көрүнүүнүн кажети жок деп чечти. Мейманканадан чыгып, өлүп калууну дагы ойлоду, бирок өөз жанын кыя албады. Паркта түшкө чейин ыйлап отуруп, анан өзүн ирээтке келтирип алып, Токмоктогу эжесиникине жөнөдү. Ата-энесинин тапшырмасын аткарган соң кайрадан үйүнө кетип калды. Келгенден кийин ыйлап отуруп, апасына ачыгын айтып берди. Эне-бала өз сырларын ичке катып, убакыт өтө берди.

Артык саат ондордо мейманканага келип, Кызжибекти таппай калды. Администратордон сурап эрте кетип калганын билди, туталана эмне кылаарын билбей жумушуна келди. "Эмнеге кетип калды, таарындыбы мага, мен анын жанында калышым керек беле? Кантип? Жо-ок, ал андай эмес, бир нерсе болдубу, эмне болушу мүмкүн, эмне кылсам экен, кантип дайнын билем? Канткенде эмнеге кетип калганын биле алам?" - деп башы ооруганча ойлонду. Ошентип бир тагдыр талкаланды. Мейманканадагы түн жамынган адам ошол кездеги жашыруун крим дүйнөнүн адамы эле. Кызжибектин мейманканадан кетип жатканын үстүңкү кабаттын терезесинен карап мыйыгынан жылмайып алды. "Гүлдөр да бир кезде тебеленет, куурап калышат. Торгойдун таңшыганын, булбулдун сайраганын кимдер уккусу келбеген, сулуу кызды кимдер гана көргүсү, жыттап кумардан чыккысы келбесин. Ошентип бечара назик гүлдөр убагынан эрте куурашат", - деп ойлоно эс алууга диван-керебетке жата кетти.

Айзада үч-төрт күн үйдө жатып, бир күнү таң эрте көчөгө чыкты. Ал Артыктын өзүнө бир да жолу көңүл буруп койбогонуна ызаланды. "Сениби шашпа, эми мен сени эч койо бербейм, менден кутулам десең жаңыласың", - деген ойдо автобуска түшүп, Чүй облустук Свердловск районунун имаратына келди. Ал жерден Артыктын аты-жөнүн сураштырып алды да, кабинетин таап келди. Аны көргөн Артык ордунан тура калды:

- Айзада, сен кайдан?

- Күткөн жок белең?

- Жок, күткөн эмесмин.

- Мына кызык де, сен экөөбүз күтпөгөн окуя болду, буга эмне дей аласың, Артык? - Айзада Артыкты сынагандай жылмая карады.

- Эмне экен?

- Билмексен болбо, чынын айтсам жаман болдум, - деп Айзада ага күлө кайрылды. - А чынында кубанып турам.

- Эмнеге?

- Өзүм сүйүп жүргөн адам мага күйөө болооруна.

- Кайдагы күйөө, алар айта беришет да, мен эч качан үйлөнбөйм, Айзада, - деди Артык кыжырлуу.

- Ата-энеңди танып кетесиңби?

- Танбайм, бирок алар каалагандай болбойт.

- Артык, мен сени сүйөм, мени да ойлоп койсоң, неге мынчалык кара өзгөйлөнөсүң, эмне, менин бир жерим кемби? - Айзада Артыкты тикирейе тиктеп калды. - Айтсаң, эмнем кем?

- Айзада, сен жакшынакай кызсың, сулуусуң дагы, сендей кызга жакшы жигит, өзүң сүйгөндөй сүйгөн жигит чыгат, - деп ордунан турду Артык. - Мага азыр кишилер келиши керек, Айзада, сен бар эми.

- Сени менен жолугушум керек, Артык, жумуштан кийин мага жолукчу суранам. - Айзада туруп Артыктын так маңдайына келди. - Сүйлөшүшүбүз керек.

- Эмнени сүйлөшмөк элек, менин жумуштарым көп, колум такыр бошобойт, - Артык аны жактыра бербей ордуна өтүп отурду. - Биз такыр башка адамдарбыз, демек бири-бирибизге бакыт каалашыбыз керек. - Ошол убакта телефон чыр этти эле ала койду. - Да-да, угуп жатам, ооба-ооба, мага азыр горкомдон кишилер келмек, андан кийин барайын.

- Болуптур, сен бош болбосоң өзүм келип, жолугуп турууга туура келет, кыскасы мен сенин жүрөгүңдү жаралоого аракет кылам, - деп күлүп коюп, Айзада чыгып кетти.

Артык келген адамдары менен жолугуп, көпкө сүйлөштү. Мал чарбачылыгы, айыл чарбачылыгы боюнча көптөгөн маселелерди макулдашып, анан алар менен бирге кабинеттен чыкты. Канчалык алаксыганы менен жан дүйнөсү эңшерилип, бир ныптасы кемигендей болуп, аз убакыт мурун көздөрүн жалжылдата өзүн байоо караган Кызжибектин элеси көз алдынан кетпей кыйнала берди. Бир жумадан кийин ал командировкага атайын Ысык-Көлгө бармак болду. Көл жээги азыр тыптынч, анткени кеч күз болуп калган, күн суугуна тартып, эл барбай калган. Атайын шопуруна айдатып алып, Кубатбектин үйүн сурап барып, унаасын жолго токтотуп коюп, бери жактан карап турду. Бирок үйдөн Кызжибектин карааны көрүнө бербеди. Ал күнү башкарманын үйүнө конду, иштери боюнча өз тартиби менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин мектепти сагаалады. Түш ченде үч-төрт кыз менен Кызжибектин чыгып келе жатканын көрүп, машинада отура берди. Өтө берген кыздар ар жакка бөлүнүп, Кызжибек жалгыз калганда машинаны артка айдап жетип түшө калды эле, ал аябай коркуп кетти. Өңү өзгөрүп, абдан бозоруп туруп калганын көргөндө Артык аны карыдан ала силкип жиберди.

- Кызжибек, сага эмне болду, эмнеден корктуң?

- Эч нерсе болгон жок, мага жолобоңуз, койо бериңиз!

- Кызжибек, токточу, жаным, сага эмне болду, түшүнсөм буйрубасын. - Артык кызды койо бербей эки карыдан алып көздөрүнө тике карады. - Айтчы деги, мен эмнемден жаздым, заматта терс бурулууга кандай себеп болуп кетти? - дегенде үнсүз көздөрүнөн жаш куюлган Кызжибек көздөрүн жумуп алды. Арманы менен ызасы жүрөгүн өрттөп, сөз сүйлөөгө кудурети жетпей бошонууга аракет кылды.

- Койо бериңиз!

- Кызжибек, эмне болгонун айтчы?

- Жок-жок, эч нерсе болгон жок. - Кызжибек жүзүн ала качып, бошонууга тырышты.

- Койо бербейм, сен мага чыныңды айтмайынча койо бербейм!

- Эмнени, эмнени айтам?! - Кызжибек Артыкка чанагына жаш толгон ызалуу көздөрүн кадаганда жашы мөлт-мөлт этип жаагынан ылдый куюлду. - Мен сизди сүйбөйм, менин мындан ары тынчымды албаңыз, сиз үчүн мен жокмун! - деди да, күч менен колун силкип алып басып кетти.

Артык дел боло туруп калды. Кызжибек жүрөгү сыздап, тагдырына таарына, жан дүйнөсүн кар бороону буюктуруп, кайыккан кайыңдай бүрүшүп, китеп кабын бооруна бекем кучактай кетип баратты.

- Кызжибек, кызым, сага эмне болду? - деп аны көргөн апасы Шааркан чочуп кетти. Кызжибек:

- Эчтеке, - деп коюп бөлмөсүнө кирип алып, ботодой боздоду. "Неге, неге менин бактымды байлады, ошондой жексурларга кудайдан жетээр бекен? Көз жашым урсун, жексур, укум-тукумдарыңда мендей болуп кыздарыңдын багы ачылбай калсын, ылайым бу дүйнөдө жакшылык көрбө", - деп ыйлап жаткан кызынын ал-абалын көрүп туруп, эненин сай-сөөгү сыздады. "Алда-а кудайым ай, жаралгандан бир кыздуу болсом, ушул кызымдын сыздаганын көрүп кантип чыдайм, канткенде кызымдын арманын арылта алам, кандай гана акмактын иши болду экен бул", - деп ойлоп бөлмөсүнө башбага албай босогосунда туруп өзү да ыйлай берди…

Артык ары кете албай же бери кете албай абдан жаман абалда калды. "Эмнеге минтип калды, кандай болуп кетти деги, эмнемден жаздым, мейманканага жалгыз таштап койгонума капаландыбы? Жо-ок, ага антмек эмес, бирөө жарым бузуп койдубу, ким бузушу мүмкүн?" - деп башы катты. Кечке машинасында отуруп ойлонгону менен жооп таба албады. Эртеси Асылды мектептен издеп таап жолукту.

- Асыл, кандайсың? - деди көрүп эле.

- Жакшы, келип калыпсыз?

- Келип калдык, Асыл, сени менен сүйлөшсөм болобу?

- Азыр сабак бүтө элек, сабактан кийин…

- Макул, жолдон күтөм.

- Жарайт, - деп Асыл күлүмсүрөй класска кирип кетти. Кирип эле Кызжибектин жанына отурду. - Кызжибек, Артык келиптир.

- Эмнеге? - Кызжибек кабак бүркөй карады.

- Эмнеге дегениң кандай? Сени кубанат экен десе.

- Эмнеге кубанмак элем, келсе келе берсин, - деп Кызжибек дептерине үңүлө калемсабынын учун тиштегиледи.

Заматта жан дүйнөсүндө бороондуу бурганак борошолоп жүрөгү муздап кетти. Көз алдына ошол көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн, белгисиз карылуу колдор, оозу-мурдун басып көтөрүп бараткан адам тартылды. Заматта жазга окшош жадыраган жүзү жүз жылдык азап-арманды башынан өткөргөн карыныкына окшоп, кийимдери тытылып, чачтары саксайып уйпаланып отурган өзүн элестете: "Аа-ай!" - деп кыйкырып ийди. Класстагы балдардын баары карап калышты, Асыл аны кармай калды.

- Кызжибек, сага эмне болду?

- Эчтеке, эчтеке болгон жок, - деген Кызжибектин муундары калчылдап, буттары тыбырап кетти.

- Сен ооруп калган жоксуңбу? - Асыл анын чекесин алаканы менен басып көрдү. - Ооруп турасың го?

- Жок-жок, ооруган жокмун. - Дагы эле калтыраганы басылбай жатканда Асыл аны колтуктап тургузду.

- Жүрү, үйүңө алып барайын.

- Бир аз койо турчу, азыр эс алып калам.

- Кызжибек, өзүңдү жаман сезип турсаң сабакка келбей эле койсоң болмок, биз эжекеге айтып койобуз, сени Асыл жеткирип барсын, - деди Данияр деген бала, ал Кызжибекти тымызын жактырып жүрчү.

- Ооба, биз айтып койобуз, карачы өңүң дагы өзгөрүп кетти, - дешип классташтары тегеректеп калды. Асыл Кызжибектин китептерин сумкасына салып, колтуктай класстан чыгып, жолго жеткенде машинасы менен жолдо күтүп турган Артык экөөнү көрүп, түшүп келди. Асыл ага кайрылып барып:

- Сиз капа болбоңуз, атыңызды укканда эле жаман болду, сиз азыр ага көрүнбөңүз, ооруп калды, - деди шашкалактай.

- Эмнеге, эмнеге менин атымды укканда…

- Азыр эч нерсе айта албайм, - деген Асыл Кызжибекке чуркап жетип, экөө ары карай кетти. Артык аларды делдейе карап туруп калды. "Эмнеге менин атымды укканда ооруп калат, эмне үчүн, кандайча менден тез эле терс бурулду, мен жөнүндө коркунучтуу сөз укту бекен?" - деп ойлонуп жол жээгинде тура берди.

Үйүнө келгенде дагы Кызжибектин калтыраганы басылбай, ата-энеси үстүнө үйрүлүп-түшүп жатты.

- Карангүн ай, эмнеге ооруп калдың, чочуп калгансың го, садага, жүр үйгө кирип жылуу жатчы.

- Эже, мен бара берейин, бакырып ийсе баарыбыз коркуп кеттик, - деди Асыл.

- Нан ооз тий, кызым, сага рахмат.

- Мен молдо чакырып келейин, - деп эшикке чыкты Кубатбек.

- Жакшы калыңыз, мен эртең келип кетем, - деди Асыл дагы чыгып баратып.

- Бара гой, кызым. - Шааркан Асылды узатып коюп кайра кирди. - Кызым, эмнеге капаландың, садага, ансыз дагы сенин тагдырыңды ойлонуп азап чегип жүргөн энеңди аясаң боло. Айтчы, эмне болду? - деп Кызжибектин жанына отуруп алып, чачынан сылап жүзүнөн сүйдү. - Мага кудайым сенден башка перзент бербеди, сенин көз жашыңды көргөн сайын жүрөгүм миң жеринен тилингендей зыркырачу болду, канткенде көз жашыңды тыя алам?!

- Апа, мени кыйнабачы, ансыз дагы зорго турам, - деди Кызжибек бетин басып алып. Ал көзүн жумса эле көнүмүш адатка айланган кандайдыр бир караандар көз алдынан кетпей туруп алчу болгон. Арадан эки айдай убак өтсө да өзүнө келе албай жүргөн.

- Садагам ай, кандай айла кыла алам?

- Апа, кыйналбачы мен үчүн.

- Кантип, балапаным, сенин ички өксүгүңдү көрүп кантип чыдайын?

- Апа, апакебайым, өзүм да зорго турам, мени жалгыз койчу, кудай жалгагыр…

- Макул, азыр атаң молдо алып келет, унчукпай жата бер, дем салат, макулбу?

- Ооба, - деп койду Кызжибек. Шааркан сырткы бөлмөгө чыгып отуруп калды. "Кандай гана ниети куурагандар жасады экен муну? Кудайдан жазасын алгырлар, кызымды гүлдөй гана кууратты. Канткенде арылаар экен бул азаптан, унутулуп калса болот эле, мектепти бүтсө шаарга жөнөтүп жиберейин. Багы ачылып кетсе экен, жараткан, жалгызымды бөөдө кырсыктан сактай гөр, аман болсо болду", - дегенден башка оюна келбеди. Кубатбек молдо алып келип, дем салдырды.

- Кызыңар катуу коркуп калган, - деди молдо. - Үч жолу дем салгандан кийин жакшы болуп калат.

- Айтканың келсин, молдоке, ушу кызым жакшы болуп кетсе болду.

- Коркпогула, сакайып кетет, - деди молдо кетип жатып. Эне-ата кызын тегеректеп карап жатышты, басса-турса, үйгө кирип-чыкса да айланып-кагылып турушат. Кызжибек бир жумадай үйдөн чыкпай жатты.

Артык ошол күнү Асылга жолугуп, экөө сүйлөшүп отурушту.

- Мен дагы эч нерсеге түшүнбөй калдым, сизди келди десем эле унчукпай калган, бир кезде жаман болуп кетти.

- Эч бир түшүнө албайм, эмнеге терс бурулду, эмнемден жазганымды да билбейм, кандай болуп кетти, мен сенден бир нерсе билермин деп ойлогом, бирок сен дагы билбейт экенсиң да.

- Кайдан, ал шаарга барып келгенден бери өзгөрүп түнт болуп кетти.

- Ошондон бери сага эчтеме айткан жокпу?

- Жо-ок.

- Кызык, эми кандай кылам, Асыл, мен Кызжибексиз жашай албайм.

- Билбейм, өтө шайыр, мүнөзү жаш баладай, ачык-айрым курбумдун минтип кескин өзгөрүп кеткенине эмне себеп болгонун түшүнбөй да калдым, - деди Асыл ойлуу.

- Жок дегенде бир жолуксам болот эле.

- Айталбайм.

- Анда мен кат жазып берейин, ошону эптеп берип кой.

- Макул.

- Эртең сабактан чыкканда ушул жерден күтөм.

- Макул, мен кечиктим, барайын анда, - деп Асыл мектепке жөнөдү. Артык аны узата карап туруп калды. Эртеси ага катты берип, анан шаарга жөнөдү, командировкасы бүтүп калган эле. Жан дүйнөсү эңшерилип, бул дүйнө ал үчүн караңгы болуп, жан адамды жанына жолоткусу келбей туталанып үйүнө кеч келди. Анын кабагына кар жаап турганын көргөн Садыбакас аялына башын бурду.

- Балаңдын маанайы пас го?

- Чарчап келди да.

- Өзүң сүйлөш, эртең колуктусу менен кийим-кече тандашсын.

- Эртең эрте айтабыз, эми унчукпай эле кой, ого бетер капа болот.

- Бу кандай эле капа болот, мындай кезде мен жалаң гана жумуш деп жүрүп, эчтекени ойлоого убактым жок эле.

- Сенин убагың ошондой болчу, мен Артыкты чакырайын, ашыкча сөз сүйлөөчү болбо, - деп Үпөл аярлай басып Артыктын бөлмөсүнө башбакты. - Артык, тамак ич, уулум.

- Апа, кардым ток, - деп ал терс бурулду.

- Эртең эс аласыңбы, балам?

- Начальникке барып жолугам.

- Макул, жакшы жат, уулум.

- Өзүңөр да жакшы эс алгыла.

Үпөл чыгып кетти. "Мен бул өмүрдөн так өтөм, Кызжибектин эмнеге таарынганын билбесем жаным тынч албайт, ансыз жашай да албайм", - деп ойлоно түйшөлүп уктай албай жатып, кеч уктады. Эртең менен Садыбакас аялы экөө чай ичип сүйлөшүп отурганда кызы Аруужан туруп келди.

- Оо, кызым, бүгүн эрте турдуңбу? - Садыбакас кызын эркелете карап калды. - Окууң кандай, кызым?

- Эң сонун.

- Байбиче, мен тиги балдарды тойдун алдында чакырып, Артык менен тааныштырып коюшум керек эле, - деп Үпөлдү карап жооп күтүп калды.

- Кимдерди, ата? - Аруужан ата-энесин суроолуу карады.

- Сенин агаларың бар, ошолорду силер менен тааныштырууга убакыт жетти, кызым, - деди керсейген Садыбакас.

- Кайда алар?

- Ушул эле шаарда, мен жолугуп турам.

- Ким деген?

- Эдилбек, Элимбек деген, эртеңкиге даярдангыла, - деди Садыбакас.

- Чакыра бер, эмнени даярданмак элек, турат го баары, союшту эркелетип сойдуруп койсоң болду, - деп Үпөл сүйүңкүрөбөй отура берди.

- Артыкты тур дебейсиңерби?

- Турат да.

- Эрте турган ырыскыга шерик болот, бу бала ар дайым кеч турат, сен балдарды эрте тургузуп көндүрсөң боло, эне деген айтчу эле.

- Алыстан чарчап келди, иш менен жүрөт да, ойноп же эс алып жүрдү беле, эми бала эмес, баарын түшүнүп калбадыбы. Чоңойгон балдарга ашыкча сөздүн кереги эмне? - деп Үпөл ордунан туруп кетти. Түш ченде турган Артык үстөлгө отурганда үйдө апасы эле калган:

- Балам, атаң агаларыңды чакырып тааныштырам деп жатат.

- Качан?

- Эртең келишет экен, үй-бүлөлөрү менен келет окшойт.

- Келсе келет да, - деп койду Артык көңүлсүз.

- Бүгүн эрте келесиңби?

- Кечирээк келем, апа.

- Кечээ Айзада келип кетти.

- Эмнеге келиптир?

- Сенин жумушуңа барып таппай калыптыр.

- Эмнеге жумушка барат, кызык го?

- Ботом, барса эмне экен, биз деле аны үйгө түз эле келе бер деп уруксат бергенбиз. - Үпөл баласын сынай саамга карап туруп: - Сенин Айзадада көңүлүң жокпу, уулум? - деп сурады.

- Апа, биринчиден ал мага жакпайт, обу жок кыз, экинчиден аны сүйбөйм.

- Атаң андан башканы жактырбай жатпайбы.

- Аялды мен аламбы же атамбы? - Артыктын ачуусу келип апасын олурая карады. - Эгерде мен каалаганга уруксат бербесе, мен эч качан үйлөнбөйм!

- Артык, анчалык катуу кетпе, балам, Айзада деле татынакай кыз, билимдүү, ай чырайлуу, акыл-эстүү. Сүйлөшкөн кызыңды мектепте окуйт дейт, ушул чынбы?

- Ооба, мен андан башкага үйлөнбөйм.

- Атаң экөөңөр бири-бириңе жоо болосуңарбы, ботом?

- Эмнеге, атам каалаганын жасай берсин, мен жөн гана өз жолум менен кетем, - деп Артык ордунан туруп, сыртка карай жөнөдү.

- Токточу, балам, мен ошол кыздын ата-энесине бир жолугуп көрсөм болобу? - деди Үпөл ага жакын келип.

- Эмнеге?

- Байкап көрөйүн, кызды сынап дегендей, ата-энеси кандай адамдар экенин билейин.

- Апа, адамдай эле адамдар, андан көрө атамды макулдатыңыз, мен Айзадага баары бир үйлөнбөйм, ушуну түшүндүрүңүз, сүйлөшкөн кызыма үйлөнбөсөм турмуштан так өтөм, ишти да таштайм, - деди да, чыгып кетти.

- Ай балам ай, деги эмне болоор экен, ажыкыс атаң өзүнүн билгенин койо бербейт, эмне кыла алам деги? - Үпөл ойлуу үстөлгө отуруп калды. Аруужан биринчи курстун студенти, мединститутта окуйт. Жакындан бери бир жигит менен сүйлөшүп жүргөн. Кутман балдар үйүндө өскөн жетим бала. Унаа тетиктерин жасоочу цехте иштейт. Күндө кыздын жолунан жолугуп калмай адаты бар. Бүгүн дагы аны сабактан чыгып келе жатканда тосуп калды.

- Кандай, сулуу кыз?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жайында, окууларың кандай?

- Эң сонун.

- Бүгүн оюн болот экен, театрга барбайлыбы, Аруужан?

- Жо-ок, мен үйгө эрте барбасам, апам өлтүрөт.

- Апаң эле барбы?

- Жо-ок ай, атам кызматынан кеч келет, мени менен иши деле жок, а апам күнү кечке үйдө, агам экөөбүздү тескеп, канчада кетип, канчада келгенибизди билип турат.

- Аа-а, анда паркка бир аз отуралы.

- Ма-акул, Кутман, сенин ата-энең шаарда турабы?

- Жок.

- Айылдабы, кайсы айылдан болосуң?

- Аруужан, мен өзүм гана бармын, ата-энем кичинемде өлүп калып, балдар үйүндө өстүм, - деп Кутман улутунуп алды.

- Кечир, орунсуз суроо берип алдым.

- Эч нерсе эмес.

Экөө көпкө чейин бак аралап басып жүрүштү. Аруужан: "Ата-энеси жок болсо атам эмне дейт болду экен? Али ортобузда өтө жакындык боло элек, ушундайда мындан алыстап кетейин, баары бир атам бизге уруксат бербейт. Муну дагы кайгыга салып, өзүм да кыйналып жүрбөйүн", - деп өзүнчө ойго батты. Өзү да ага көнүп баратканын сезип, оолактаганга ниеттенди. Кутман кыздын оюн кайдан билсин, бактылуу болуп, эргип сүйлөп баратат.

- Аруужан, бир нерсе сурасам болобу?

- Сурай бер.

- Жигитиң барбы?

- Бар, - деди кыз дароо эле.

- Чынбы, ал кайда?

- Москвадагы театралдык окууда окуйт, - деп Аруужан өзүнүн бөлөсүн айта салды.

- Ошондой де…

- Ошондой.

- Сен аны катуу сүйөсүңбү?

- Аябай. - Кыз күлүмсүрөй жигитке тигилди. - А сенин сүйгөн кызың барбы?

- Бар болчу, жүрөгүмдө көптөн бери жашап жүргөн, эми жок!

- Эмнеге?

- Ал мени сүйбөйт.

- Жаман болуптур, балким дагы башка кызга жолугуп калаарсың.

- Ким билет, ушул азыр сүйүүнү жек көрүп кеттим.

- Кой антпе, сен адашкан чыгаарсың, сүйүү сага али келе элек чыгаар? Кээде адамдар абдан жаңылышат, чыныгы сүйүүнүн эмне экенин билишпей өңгүл-дөңгүл жолдордо ала салып жүрүп, чыныгы сүйүүгө кезиккенин билбей дагы калышат. Кеч болуп калганда гана түшүнүшөт.

- Мени алаксытпай эле кой, Аруужан, мендей төрт тарабы кыбыла томолой жетимдин кимге кереги болсун, мен өзүмдүн эч кимге керексиз экенимди мурда байкабапмын, - деди Кутман жер карап.

- Андай дебе, Кутман, көрөсүң го, сен чоң сүйүүгө жолугасың, ошондо менин айтканымды эстейсиң.

- Макул, сен айткандай болсун, кош бол, Аруужан, сени кармабайын, менин дагы жумуштарым бар эле, - деп Кутман салкын коштошуп жөнөй берди.

- Жакшы бар, көрүшкөнчө, Кутман. - Аруужан аны узата бир топко чейин карап турду, бирок анын кетиши жүрөгүн эңшерилте бир аялуу буюму аны менен бирге кеткен сымал жаман абалда үйүнө кетчү аялдамага карай басты.

Кызжибек Асыл берген катты окугусу келбей үч-төрт күнгө чейин жаздыгынын алдына коюп, күндө бир маал конвертти кармалап кайра коюп койот. Катты окуса эле жүрөгүнүн бир тамыры тарс этип үзүлчүдөй дүк-дүк этип кетет. Акыры окумак болду. Атасы менен энеси эбак уктаган. Караңгы түн. Кызжибек жаткан жеринен терезеге көз чаптыра жыбыраган жылдыздарды көрүп улутуна, конвертти кармаган колдору билинээр-билинбес калтырай четин айрыды. Анан көзүн жумуп бир азга жатты да, конверттин ичинен катты сууруп алып, бүктөмүн ачты. "Саламатсыңбы, Кызжибек? Денсоолугуң жакшыбы? Кызжибек, мен сени көрбөй, шыңгыр күлкүңдү, назик үнүңдү укпай куса болуп кеттим. Айтчы, менин жазыгым кайсы?! Эмнеге мага айтпай, мени күтпөй кетип калдың? Эгер менде көңүлүң болбосо ачык эле айтып койбойт белең. Кызжибек, эгерде менден билимсиздик болуп айып кетсе кечир, көңүлүң болбосо мен сени кыйнабайм, аман бол, денсоолукта жүр, бирок айыбым эмнеде экенин ачык айт, ардагым… Мен сени дүйнөдө болуп көрбөгөндөй сүйдүм, кокус сен каршы болуп сүйүүмдү кабыл албасаң мен түбөлүк жалгыз өтөмүн, сенден башканын мага кереги жок! Сенин аман экениңди билип гана өмүр сүрө берем. Мени кечир, Кызжибек, сени сүйүп, сен деп өмүрүнүн аягына чейин көр пенденин күнүн көрүп, календерче күн көрүүгө даяр болгон Артык. 1979-жыл. 25-ноябрь", - деп колун коюп, үй дарегин жазып койгон экен. Катты окуп бүткөнчө ыйлай берип, кагаз суу болуп чыкты. "Сенде күнөө жок, Артык, күнөө өзүмдө, катаалдык кылып жолубузду бөгөгөн тагдырда", - деп төшөккө башын катып, ыйлай берди. Бир жумадан бери сабакка барбай калганга ага Асыл келиптир, Кызжибек дагы эле төшөктө жаткан.

- Кандай, Кызжибек, жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы, өзүң кандай, кыздар жүрүшөбү?

- Жакшы эле, баары салам айтышты.

- Саламатта болушсун.

- Катты окудуңбу?

- Жок, окугум келбейт.

- Сен жинди болдуңбу, байкуш Артыктын мусаапыр болгон акыбалын көрсөң бооруң оорумак.

- Магачы, мага кимдин боору ооруйт? - Кызжибек ушинтип алып, кайра чочуп кетти. - Мен азырынча сүйүү жөнүндө ойлогум да келбей калды, Асыл, - деди ойлуу.

- Кызжибек, сен жаңылып жатасың, бакандай кызматты ээлеген адам өзү алдыңа келип отурса, текеберлик кылганың болбойт.

- Эмне кылышым керек эле?

- Андан баш тартчу болбо, мындай бакыт адамга бир келет, кармап калышың керек, ишенсең, анын көздөрүнөн мен ушундай бир сага деген арзууну көрдүм, Кызжибек, ырысыңды теппе! - деди Асыл чоң энедей акыл айтып.

- Дагы эмне дегиң келет, мен өз тагдырымдан буйтап качып кайда барам, Асыл, бизди тагдыр бөлүп жатат, - деди Кызжибек Асылга өксүп ыйлай. - Мен тагдырыма нааразымын, экинчи Артыкты көрө албайм, ага деген менин дагы сүйүүм бар, бирок ал айтылбай ичимде гана кала берет, Асыл!

- Мунуң менен эмне дегиң келет, Кызжибек? - Асыл аны үңүлө карады. - Бай болгур десе, эмне болду анчалык, тагдыр-тагдыр дейсиң, түшүнбөдүм сөзүңө.

- Асыл, мени шаарга барганда бирөөлөр зордуктап кетти, сага ишенем ошондуктан сага айтпасам жарылып кетчүдөймүн, - деп көзүнүн жашын көлдөтө боздоп ыйлап жатып баарын айтып берди.

- Оо кудай, эмне деп жатасың? - Асыл көздөрүн алайта оозун басып, сөз сүйлөөгө дарманы келбей отуруп калды. Анан эсин жыя Кызжибекти кучактап сооротуп кирди. - Сен минте берсең өзүңдү жеп бүтүрөсүң, андан көрө Артыкка чындыкты айтып кат жаз, ал сени түшүнөт, анын жүрөгү сен деп согот, Кызжибек.

- Жок-жок, анте албайм, бул арманым өзүм менен кошо кете турган азап, шор болду…

- Жо-ок, сен туура эмес ойлонуп жатасың, Артык сени сүйөт, демек ал сени түшүнөт, - дегенине Кызжибек көнбөдү. Бөлмөгө Шааркан баш бакканда алар сүйлөшпөй калышты.

- Эртең сабакка барам, - деди Кызжибек сөздү башкага буруп.

- Өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы? - Асыл сурап койду.

- Жакшы элемин, үйдөн тажап кеттим, сабактан дагы артта калдым, - деп көздөрүнүн шишип калганын апасына көрсөткүсү келбей ары карап, халатын издемиш болду.

- Сен келип жакшы болбодубу, Жибегимдин көңүлү ачыла түштү, - деп Шааркан Асылга жылмая карады. - Айла-анайындарым десе, теңтушсуңар да, азыр эмне силердин ойноп-күлөөр убагыңар.

- Апа, кийимдерим жуулуубу?

- Ооба, кызым, форма-фартугуңду жууп үтүктөп койгомун.

- Алтын эжекем ий, - деп Асыл күлүп калды. - Кызжибек, эртерээк сакайып, өз кириңди өзүң жуучу.

- Өзүм эле жууйм, жалгызымдын колуна иш кармата турган кары-картаң болсом бир жөн, ушунумдун жүзүнөн күлкү кетпей эле бактылуу болуп жүрсө арманым жок эле.

- Апам өзү жасатпайт, - деп Кызжибек да күлүп койду.

- Мен барайын, Жибек, кеч болуп кетти, көпкө сүйлөшүп отуруп калдым.

- Мен узатып койойун, - деп Кызжибек кошо чыкты.

- Сен өзүң жакшылап ойлон, курбум, мындай кырсык, кокустук сенин эле башыңа келиптирби, жакшылап ойлонуп чеч да, Артыкка чындыкты айтып кат жаз, - деп Асыл короодон чыккандан кийин ага шыбырай айтты.

- Болбойт го, билбеген бойдон кала берсин.

- Анткениң болбойт, Жибек, сен өзүң дагы аны сүйөсүң, же калппы, айтчы?

- Туура, мен дагы сүйөм, бирок кантип айтмак элем?

- Кат аркылуу айт, анан өзүң көрөсүң, бир чечим чыгараар, же келет, же ошол бойдон жоголот.

- Билбейм.

- Макул, дагы жолугуп сүйлөшөбүз, эртең сабакка барасың да.

- Ооба.

- Кеттим, көп эле ыйлай бербе, - деп Асыл үйүнө кетти. Кызжибек үйүнө ойлуу кирди.

- Оо, кызым, буйруса жакшы болуп калды, эртең эчки алып келип, түлөө өткөрөлү, байбиче, - деп Кубатбек Кызжибекти бооруна кысып көкүлүнөн жыттап калды. - Каралдым, кара жаным десе, сенин кирпигиңдин кыбырап турганы апаң экөөбүз үчүн чоң бакыт, садага.

- Ата, эми чоңоюп калбадымбы? - Кызжибек эркелей сүйлөдү. - Эмнеге эле экөөңөр тең үйрүлө бересиңер?

- Аа-а кагылайын каралды-ым, сенин күлкүң, сенин кубанычың бизди бакытка бөлөп турат, сен бар биздин ырысыбыз бар, - деди Шааркан.

- Апаң экөөбүз кырк жылдай жашадык, кызым, бала төрөбөсө кетир деп канча айтышты туугандарым, акыры кыз да болсо сени көрдүм, андан кийин төрөгөн жок. Кыз болсоң да туягым деп көзүмдүн карегиндей сактап карап отурган үйүмдө өскөн кызыл гүлүмсүң, багымда сайраган булбулумсуң, чарчаганда жыттасам эс ала турган бакытымсың, садагам, - деп Кубатбек үңкүйө отуруп калды.

- Ата, капаланбачы эми, эркек болбосо кыз бала эмес бекен?

- Жо-ок, кызым, сен орун-очок алып өз эл, өз жериңди таап кетсең бул үй, бул очок ээнсиреп калат, болбосо уул менен кыздын ата-эне үчүн айрымасы жок, баары бир бала…

- Ата, кайгырбачы ээ? - Кызжибек атасын мойнунан кучактап өөп алды. - Кайгырбайсыңбы?

- Жок, кызым, сенин амандыгың менин бактым.

- Атаңдын арманы бир топ, кызым, же аял алып балалуу бол десем болбойт, мен деле түшүнөм да, - деди үшкүрүнө Шааркан. - Сен чоңойдуң, экөөбүз өзүбүзчө оокатыбызды өткөрө бермекпиз, атаң экөөбүз сенден жашырып көп эле сүйлөштүк, көндүрө албадым.

- Апа-а, ошо кантип болсун? - Кызжибек ушул азыр гана бир нерсени ойлонбогонун сезди. Кээде өзүнүн иниси же сиңдиси жогуна капаланып кала турган, бирок атасынын сөзүнөн улам анда чоң арман бар экенин туйду. - Эми улгайганда кантип ажырашмак элеңер?

- Кызым, сен азыр баласың, - деп койду Шааркан. - Кел, мага жардам бер, кечкиге тамак жасайлы.

- Азыр, апа, - деп Кызжибек ичинен сыза апасы менен эшикке чыкты. Ошол күнү өзүнүн көкүрөгүнө өчпөс болуп кадалган арманына дагы бир азап кошулду. Коңшусунун жети-сегиз баласы бар эле, жайы-кышы чөп түшүрсө дагы, ташыса дагы балдары жүрөт. Кубатбек коңшу-колоңдун же туугандарынын балдарын жалдап чакырып басып жүрчү. "Сен орун-очок алып, өзүңдүн эли-жериңди таап кетсең бул үй ээнсиреп калат", - дегени кулагынан кетпей туруп алды.

Түндөсү ойлонуп жатып, Артыкка кат жазмак болду. Ары ойлонду, бери ойлонду, анан кат жазууга киришти. "Саламатсызбы, Артык, саламым менен Кызжибек. Сиз мени эстесеңиз соолуган гүлдү элестетиңиз, куураган ак кайыңды көз алдыңызга келтириңиз. Мен мен эмесмин, мен азыр бозоргон боз талаада боздогон тайлакмын, соолуган кызыл гүлмүн, бир кезде оюмда эч нерсе жок, сиздин гана гүлүңүз болсом дегемин… Бирок тагдыр бизди кошкусу келбеди, мындан ары мени оюңузга албаңыз, чаңда тебеленип жаткан гүлдү кимдин кармагысы келсин, көзүмдө жаш, көкүрөгүмдө муң гана калды. Бир кезде ата-энемдин короосунда өскөн гүл элем, багында конгон куш, сайраган торгою, безеленген булбулу элем. Ошол гүлдү кимдир бирөөлөр тебелеп-тепсеп кетти, булбулдун тили катты, кушунун канаты кайрылды. Мен эми алсызмын, мени жүрөгүңүздөн өчүрүп коюшуңузду суранам. Сизге жолугуп, сырымды айтууга кудуретим жетпеди, мени кечириңиз! Арманым менен азабымды түбөлүккө өз жүрөгүм менен гана көтөрүп, тагдырыма баш ийип жашоого бел байлаган кезим, мени унутуңуз деп Кызжибек. 1979-жыл, 5-декабрь", - деп жазды да, көз жашын сүртүп, катты төрт бүктөй конвертке салды. Эртеси мектепке баратып, адегенде почта ящикке катты салып, анан классына кирди.

- Кызжибек, жакшы болуп калдыңбы?

- Кызжибек, кандайсың? - дешип классташтары тегеректеп учурашып калды.

- Жаман арыктап кетипсиң ээ?

- Катуу ооруду да, ушул жерден биз коркуп кетпедикпи, - деп чурулдап жатышты.

- Абдан жакшы, силер бар мен жакшы болуп кеттим, - деп Кызжибек дагы кубанычтуу жооп берип, ордуна отурду.

- Асыл бүгүн келбейт экен, - деди Индира деген кыз.

- Эмнеге?

- Апасынын сиңдиси өлүптүр, ошол жакка барат окшойт.

- Таежеси тура.

- Ооба, ошондой экен, эки-үч күн келбейт, - деп жатышканда Кызжибек ал кабарды угуп алып, жалгызсырай түштү. Түшкө чейин сабак менен алышып алаксып жүрүп, үйүнө көңүлсүз кайтты. Келсе апасы тамак жасап, күтүп отуруптур, Кубатбек жок экен.

- Атам жокпу? - деди Кызжибек кирип-кирбей эле.

- Келип калат, кызым, кел, тамагыңды ичип ал.

- Азыр, апа, кийимимди алмаштырып келейин, - деп бөлмөсүнө кирип чыгып, дасторкон четине отурду. Апасы куйган тамакты көрүп эле окшуп ийди, көңүлү айнып сыртка чыга качты. Ал эч нерсени сезген жок, Шааркандын жүрөгү болк этип алды: "Кудай уу-ур, боюна болуп калган го", - деп шаарга барып келгенден беркисин эсептесе туура үч айдан өткөн экен, айласы кетип кызынын артынан чыкты.

- Эмне болду, Жибек?

- Билбейм, апа, - деп кусуп жаткан Кызжибек санаасыз эле апасын караганда анын аппак жүзүндө билинээр-билинбес сепкил пайда болгонун байкаган эненин жүрөгү тыз этип кетти. "Кудай ай, эми эмне кылам, кайда катам, эл билип калса эмне болот, же биерден шаарга алып кетип калсам бекен?" - деп дендароо боло карап туруп калды эле Кызжибек өйдө болуп: - Негедир көңүлүм айнып кетти да, апа, эмне кайра ооруп каламбы? - деп сурады.

- Таң, - деп койду Шааркан. Эртеси почтага барып, сиңдисинин үйүнө телефон чалып сүйлөштү. Анан эптеп бир амалын издеди. "Өзүм балага зар аялмын го, алдырып койсом кызым кийин бала көрбөй калат. Эмнеси болсо дагы көрсөтпөй төрөтүп алам, баламдын баласын багып албаганда эмне кылам", - деген чечимге келди. Кызжибектин оюна эч нерсе келбеди. Боюна болуп кала турганын капарына да алган жок. Арадан дагы бир ай өткөндө ичи "бүлк" эткенде чочуп кетип, ичин сыйпалап дел болуп калды. Шааркан сиңдисинен кат алды, ал Кызжибекти чакырган кат эле, бул Шааркандын тапкан амалы болчу. Ошентип эне кызын шаарды көздөй алып жөнөдү. Кубатбек элүү алты жашта, али жаш көрүнөт, Шааркан экөө тең. "Мен Кызжибек менен жашай берем, аял алса алсын, балалуу болбодум деп арман кылганын укпайын", - деп керектүүлөрүн атайын алып, жөнөп кетти. Анын бул оюн Кызжибек да, Кубатбек да билген жок. Сиңдисинин үч бөлмөлүү үйү бар, үч баласы чоңоюп өз алдынча үй-жайлуу, күйөөсү өлүп калганына бир топ жыл болду. Сурмакан эжесин кубана тосуп алды, көтөрүнчөктөрүн ичкери киргизгенден кийин:

- Жездем кандай жатат, эже? - деп сурады.

- Жатат, силерге салам айтты.

- Саламат болсун.

- Тигинде эт бар, Сурмаш, алып чыкпасаң болбойт.

- Макул, эже, Кызжибекти мектепке сүйлөшөлүбү?

- Жок, - деп Шааркан токтоп калды, - сени менен кеңеше турган иш бар.

- Кандай иш?

- Жай сүйлөшөбүз го, - деп Шааркан кызын карады эле ал ваннасына кирип кетти. - Ушундай, Сурмаш, кызымды ниети куураган бирөөлөр кууратты, эми боюна болуп калыптыр, Кубатбек эчтеке билбейт, ошондон качтык, - деп Шааркан ыйлап алды.

- Ошондо неге айтпайт, мейманкананы текшертип чакчелекейин чыгармакпыз, эмнеге аерге барат, үйгө келсе болбойт беле?

- Кеч болуп, үйүңдү таппай калам деп корккон тура.

- Кудай урбадыбы, шайтан айдап барган экен да, ошонун айылдык экенин байкаган бирөө болгон да, - деп Сурмакан кейип-кепчип жатты. - Жинди болгонсуп унчукпай кетип калганын.

- Жарыя кылганда эмне, болоору болду, Сурмаш, мындан аркы бактысын берсин, кантейин, өзүбүз эле билели, мен дагы биерде болом.

- Эмнеге, жездем жалгыз калбайбы?

- Ал эчтеке болбойт, уул балам жок деп арман кылчу болду, өз билгенин кылсын, мен Жибек менен өз оокатымды кыла берем.

- Аа-ай, эже, эми бекер кыласың, жездеме убал болбойбу. - Сурмакан эжесине таңгала карады.

- Убал болбойт, эки-үч күндөн кийин өзүм барамын да, ачык айтып келем, кызым экөөбүздүн энчибизди бөлдүрүп, тынч жашайын. Качан болсо журтум ээсиз кала турган болду, кыз бала бирөөнүн бүлөсү, эртедир-кечтир эли-жерин табат деп айта берет, - деп Шааркан кейип отурганда Кызжибек ваннадан жуунуп чыккан, коридордо туруп угуп алып, ал да ыйлады. "Менин тагдырым апамды да жылуу ордунан козгоду, эми атама баралбай каламбы, чын эле ажырашып кетишеби? Атам эркек балалуу болгусу келеби, мен кыз болбой эркек болгонумда мындай болмок эмес эле го", - деп ичтен сызып жатты. Шааркан эки-үч күндөн кийин айылга кайра барып, Кубатбек менен сүйлөшүп отурду.

- Кубат, мен эми башка чыдай албай калдым, ушунча жыл менин көңүлүмө карап жашадың, мен сага ыраазымын, эми сен дагы өз пешенеге жазганын көр, ылайым бала-чакалуу бол, - деди башын жерге сала.

- Шакен, ал эмне дегениң, кейип койгонум болбосо сенден мындайды күткөн эмес элем, дагы да болсо кеч эмес, кайт артыңа, сөзүңдү кайра ал, - деди Кубатбек.

- Жок, мен ушул чечимге келдим, кааласаң менин эмгегимди бер, кызыңа энчи болбосо да бир аз бер, болбосо башка сөзүм жок.

- Эгер ошондой эле карайып алсаң баарын ал, Шакен, мен эми башка аял алып балалуу болгончо качан, кызымды менден айрыба, - деди Кубатбек зыңгырай.

- Ал келип турат, Кубат, сенден кеткен күндө дагы ал сенин кызың, келип кеткенине каршы болбойм, - деп Шааркан дагы зээни кейий көзүнөн жашы кылгыра мууна түштү.

- Шаарда кайерде болосуңар?

- Сурмаштын үч бөлмө үйү турбайбы, бизди батырбай коймок беле?

- Өзүңөрчө турганыңар оң, мейли барсаң бар, байбиче, акыры мени кыя койбоссуң, силерди күтүп жашай берем, - деп башын шылкыйткан Кубатбек оор күрсүнө сыртка чыгып кетти. Шааркан унчукпай отуруп калды, көп өтпөй кайра кирген Кубатбек төргө өттү. - Мындай болоорун билген эмес элем, каалаганыңдай болсун, үй алып алгыла да, жашай бергиле, ачууң тараган күнү кайтып келээрсиң, - деди.

- Кубат, эми биз бала эмеспиз, эгерде сен сүйлөшө албайм десең, мен өзүм аял алып берейин.

- Эмне деп жатасың, Шакен, эми мен бөлөк аял алып, ага көнүп жашаганча качан, мени жарга такаба, экинчи уулум жок деп айтпайын, бир ачууңду мага бер, - деп үңкүйө карады Кубатбек.

- Жо-ок, сен жашап кетесиң, сен эмес алтымыш, жетимишинде деле үйлөнүп балалуу болушат экен го?

- Аа-ай, байбиче ай, коңшуңдукубу же кайнисиненби дедирткиң келип жатабы, карыганда кубат кетип калган чалдан кайсыл бала, сен антип мазактаба мени, - деди Кубатбек аялын ызалуу карап.

- Кубат, сен али алдуу-күчтүүсүң, бала өзүңдөн эле болот, азыр сен араң элүү алтыга чыктың, али күч-кубатың жетет. - Шааркан буларды айтып жатканы менен ичи ачышып, жүрөгү сыздап, канча жылдар жашап, жыты сиңишип калган күйөөсүн кыя албай турду. Бирок баары бир жашоо деген кээде толкуган көлдөй чалкып турса, кээде какыраган ээн талаа, эрме чөл эмеспи…

Артык канчалык каршылык кылса дагы Садыбакас күпүлдөп өктөмдүк кылып, тууган-туушкандарын чакырып, эки уулун кошо чакырып, үйлөнүү тойду белгилеп, ал турсун өзү билип билетти жасатып, чакырууну таратып ийди. Тойго камылга катуу көрүлүп жаткан, почточу кат алып келип бергенде Үпөл көрүп алып, катып койду. Окуганга чолоосу жок эле. Артык үйүнө келбей кабинетин кулпулап коюп, бир жакын досу менен шаардын четине чыгып кеткен.

- Артык, сен туура эмес кылдың, баары сени күтүп жатышпайбы, эртең тоюңар болот, - деди Алик ага.

- Мен эмес, атам туура эмес кылып жатат, эмнеге өз билгенин кылат, менин жүрөгүм менен кеңешпейби? - Артык ачуулуу карады. - Сен өзүң каалабаган, сүйбөгөн кызга үйлөнөт белең?

- Жок, үйлөнмөк эмесмин.

- Мына көрдүңбү, мен алар үчүн мурдун тарталбаган эле жаш баламын, менин эмес өз чечимин туура көрүшөт.

- Анткени сен үйлөнбөй жүрүп алдың да, сенин жашыңдагылар үч-төрт балалуу болуп калышты, ошондон го?

- Жо-ок, алар мени адам деп эсептешпейт, мен эч качан үйлөнбөйм, андан көрө сен барып айтып кой, мен бул жерден биротоло кетем!

- Койсоңчу, дос, минткениң жарабайт, Айзада жаман кыз эмес, өңдүү-түстүү, билимдүү…

- Ооба, Алик, аны жаман дегим келбейт, бирок мен аны сүйбөйм, сен түшүнчү ушуну, сүйбөй туруп үй-бүлө курууга кантип болсун? - Жиндене ары-бери басып, түкүрүнүп жатты. - Эч качан ага үйлөнбөйм, мен азыр шаардан чыгып кетем, - деп машинасына отуруп, чаң ызгыта айдап кетти. Алик аны көпкө карап турду да:

- Түй ат-та, эми эмне болот? - деп өз машинасын от алдырып жолго түштү. Артык түз эле Ысык-Көлдү көздөй кетип баратты, көз алдында Кызжибектин айжаркын жамалы, бакырайган көздөрү, кара кашы, кырдач муруну, бөйтөйгөн кыпкызыл эриндери. "Мен көп болсо Төлөгөнчө өлөөрмүн, ага окшоп касташкан душманымдан эмес өз ажалымдан. Ооба, дастан болуп жазылбайт, ыр дагы болбойт менин тагдырым, сүйүү үчүн өзүмдү-өзүм өлтүрүүгө. Мени Кызжибек сүйбөй койду, сүйгүсү келбеди", деп күңгүрөнө өзү менен өзү сүйлөшүп келди. Дагы бир жолу барып, түз эле онунчу "а" классынын эшигин ачып кирип барганда Асыл ордунан тура калды.

- Сиз кимге? - деди мугалим Артыкты бир сыйра чолуй карап өтүп.

- Карындашыма, - дегенде Асыл:

- Эжеке, уруксатпы? - деп суранды. Мугалим баш ийкээр замат: - Жүрүңүз, - деп алдыга чыкты.

- Кечиресиз, мени туура түшүнүңүз, - деп Артык мугалимден кечирим сурай чыгып кетти.

- Сизге эмне болгон, эмнеге класска кирдиңиз? - деди Асыл сыртка чыккандан кийин.

- Ошондой болуп калды, Асыл, кечир мени. Кызжибек сабакка келген жокпу?

- Жок, ал эми бул жерде окубайт.

- Эмнеге, кайда кетти?

- Фрунзеге кетиптир, мага да айткан эмес, балким ошондой болуп калгандыр, үлгүрө албагандыр.

- Кайда бараарын билбейт белең?

- Жок, сиз аны эми издеп убара болбоңуз.

- Неге, мен сүйгөн кыз мени сүйбөдү деп үмүтүмдү үзүшүм керекпи, Асыл? - Ачуусу келгенинен көздөрү кызарып, жүзү көпкөк болуп кеткен эле.

- Ал дагы сизди сүйөт, - деди Асыл акырын. - Бирок сиз анын эмне үчүн качып жүргөнүн билбейсиз, неге ошол күнү мейманканага алып баргансыз? - деди кабагын бүркөй аны тике карап, анан Кызжибектен укканынын баарын айтып берди. - Кимдир бирөө сизди чакырып жатат десе, чыга калган тура, байкуш.

- Ошондой экен да, мен аны сүрүштүрөм, дал ошол түнү кимдердин келгенин билем. Кызжибек менден качпасын, айтып кой, сенин тынчыңды алганым үчүн кечир, мен кеттим, - деди да, Артык Асыл менен коштошуп жөнөп кетти. Артык ошол кезде наркобизнес менен шугулданган крим дүйнөнүн эки адамы качып, колго түшпөй жүргөнүн билчү. Бирок оюна аларды албады, тек айылдык кызды байкаган шаардын ээнбаштарынын колунан келди деп ойлоп, жинди болуп кете жадады. "Күнөө менде, ошондо эжесиникине жеткирип койсом эмне, жаш кызды килейген мейманканага таштаган күнөө өзүмдө, анда күнөө жок, кандай болсо дагы ага үйлөнөм", - деп ойлонуп баратып, жолдон бет маңдайынан чыккан машинага урунуп, ала салып кетти. Эртеси ооруканадан көзүн ачты.

Садыбакастын үй-бүлөсү тойго катуу камынып бака-шака түшүп жаткан. Туугандары менен кеңешип, үлпөт тоюнун чыгымы, жүрүшүнүн баарын эсептеп бажырашып отурганда Алик келди. Ал Үпөлгө жолугуп:

- Апа, Артыкты токтото албадым, той болбойт деп айтып кой деди да, машинасын катуу айдап кетип калды, - деди күнөөлүүдөй.

- Эмне дейт, ботом, каякка кетти?

- Айтпады, кыскасы Айзадага үйлөнбөйм дейт.

- Катыгүн ай, мен Садыбакаска айтайын, кир, балам, үйгө.

- Нан эле ооз тийейин.

- Мен азыр, - деп Үпөл ичкери кирип, нан алып чыгып ооз тийгизди. - Үйгө кирсең боло, балам, - деди кайра кайталап.

- Жок, рахмат, мен барайын, - деп Алик кетип калды. Үпөл ички үйдө бакылдап жаткан Садыбакасты сыртка чакырып чыкты.

- Эмне болду, байбиче? - деди Садыбакас курсагын сылай.

- Артык келбейм деп кайдадыр кетип калыптыр.

- Ким айтты?

- Алик келип кетти.

- Кайда бармак эле, келет, кам санабай ишиңди бүтүрө бер! - деп коюп кирип кетти. Үпөл жүрөгү бир жамандыкты сезгендей кыжаалат болуп жатып катты эстеди, шашып кирип каткан жеринен алды да, ачып окугусу келип кайра: "Мен жинди болдумбу, балама келген катты ачканым уят эмеспи, өзү келгенде окусун", - деген ойдо шашыла Артыктын бөлмөсүнө кирди. Катты дивандын баш жагына коюп, чыгып кетти. Үйдөгүлөр бака-шака болуп жатканда телефон чырылдап калды.

- Ало, - деди Үпөл ала коюп, - угуп жатам.

- Бул мен Жантөрө, Садыбакасты айтып кой, Үпөл.

- Макул, азыр күтө тургула, - деген Үпөл ары көздөй басып, күйөөсүн чакырды. - Жантөрө чакырып жатат.

- Аа-а, - трубканы алган Садыбакас тамагын жасай үн салды. - Ало-о, угуп жатам.

- Ээ, Саке, кеч кирип кетти, Артыктан дайын жок. эмне, балаң бизди тоготпой жатабы? - деди Жантөрө кекеткендей.

- Жаке, ал кайда бармак эле, барат да, Айзада даяр болсо эртең эрте барып калат, кам санаба, Жаке.

- Кызым капаланып жатат, балаң келбесе экөөбүз дос эмес кас болуп калабыз, Саке. Бул ишти өзүң баштадың, эгер кызымды уятка калтыра турган болсо кечире албайм, айтып койойун! - деп Жантөрө трубканы коюп койду.

- Жаке! - деген бойдон кала берди Садыбакас. - Аттаңдын ооз-зугурайындын баласы десе, катын тандаганды ким коюптур, деги кайда жүрөт бул, ыя? - деп кыжырлана туруп калды.

- Баланы өз жайына кой десе болбодуң, түн кирди, ал кайда кетти, деги сенде жүрөк барбы? - деп Үпөл ыйламсырай кейип кирди.

- Байбиче, эч кабатыр болбо, уулуң келет, үйлөнөт, эл көзүнчө сыр билгизбе, таарынып-таарынып анан келип калат, - деген Садыбакас ичинен Жантөрөнүн сөзүнө кыжаалат болду. "Дос эмес кас болуп калабыз", - дегенин эстеп: "Бул кайбардын колунан баары келет, Артыкка зыян кылып коюшу мүмкүн, кайдан баштадым экен. Анын дагы жалгыз кызы болсо эки жактын тең байлыгына ээ болот деп ойлободумбу. Ка-ап, эми артка кайтууга болбойт", - деп ойлоно туугандары отурган бөлмөгө кирди. "Мм, мен баламды дагы кол алдымдагы кызматкерлер катары эле көрүп жүргөн экенмин да, демек үй-бүлө дегенди бийликтин күчү менен эмес, акыл-эс менен, мээрим менен башкаруу керек тура", - деп унчукпай отуруп калды.

- Саке, эмнеге маанайың түшүп калды? - деп бакылдай кайрылды агаларынын бир Сагынбек.

- Эч нерсе эмес, баары жайында, отура бергиле бейгам.

- Артык келдиби?

- Иштери менен жүрсө керек, - деди Садыбакас.

- Келет, жаштар иштесин, - дешип кайрадан ар кайсыны айтышып отуруп, анан эс алганы жатып калышты.

Эртеси ата-энесине жинденген Айзада ыйлактап жатты:

- Кайдагы немени табасыңар, анын сүйлөшкөн кызы бар экенин мен билем, ал келбейт, уят кылдыңар мени, ушинтип жашагыча өлөм!

- Кызым, жумуштары менен жүргөндүр, чыдай тур, уят кылбайт, өзүңдү токтоо кармап, кийимдериңди даярдап тур, садага, - деп Гүлсана Айзаданы сооротуп отурду. - Адам деген чыдамкай эле болбойбу, сен эми чоңойдуң да.

- Эмнеге өзү каалабаган немеге мени таңасыңар же мага күйөө табылбай калмак беле?

- Табыла-ат, сендей менин сулуу кызыма четинен табылат, андан көрө өзүңдү жакшылап карап, чачыңды салонго барып жасаталы, ээ? - деп кызынын саамайынан сылап өбө кучагына кысты апасы. - Сенин бактылуу болушуң биз үчүн чоң дөөлөт, кызым, жаңыдан турмуш босогосун аттаганы турасың, көп эле ыйлай бербе, каралдым.

- Анан эмне келбейт, курбуларым келсе уят болом, Асел келмек.

- Келсе келсин, ал сенин жаныңда болсо мен өз ишимди жасайын.

- Жасабай эле койчу, апа, Артык келбейт.

- Келет, көп эле ажыкыстана бербе, - деп Гүлсана кызына катуулай сүйлөдү. - Минтип кыялыңды кармата бергениң болбойт, кызым, токтоло турган кезиң келди, ак-караны, жаман-жакшыны ылгай жүр, - деп эшик ачылганынан караса, Асел менен Гүлүм келип калды.

- Кандайсыз, Гүлсана эже, тоюңуздар тойго улансын.

- Жакшысызбы, аяш эне? - дешип кыздар Гүлсана менен учурашып, Айзадага киришти. - Кандайсың, кымбаттуум, күйөө бала келе элекпи?

- Кандай, Айзада? - деп Гүлүм өбүшө учурашты.

- Өзүңөр кандайсыңар?

- Эң сонун, сендей курбубуз күйөөгө чыгып жатса биз кантип кубанычта болбойбуз.

- Ананчы, сенин жолуңду жолдоп, биз дагы күйөөгө чыгып калаарбыз, - деп Гүлүм күлүп калды.

- Ошондой эле болсун, айланайындар, - деп Гүлсана аларды жылмая карады. Ошол маалда үй телефону чыр этип, Гүлсана ала койду. - Ало, угуп жатам, ыя, качан? - деп унчукпай көпкө туруп калды.

- Апа, эмне болду? - Айзада апасына суроо узатып, жетип келип трубканы ала койду. - Ким экен бул, качан, кайда экен, ооруканадабы, азыр биз барабыз, - деди да трубканы коюп: - Апа, Артыкты көрүп келгени баралыбы? - деди.

- Жүрү, кызым, барбай анан, - деп Гүлсана кийинип алып, Айзада экөө жолго чыгышты. Алар келгенде Садыбакас менен Үпөл, туугандары чогулуп коридордо отурушуптур.

- Артык жакшы бекен, акыбалы кандай? - деди Гүлсана жетип эле.

- Билбейм, эсине келе элек, операция жасап жатышат, - деп Үпөл ыйлап жиберди. - Чымындай жаны аман болсо болду эле…

- Кудай жар болсун, Үпөл, жаман ойлобо.

- Кантип жалгызымды жамандыкка кыям, Гүлсана?

- Жалгыздын жары кудай деген эмеспи.

- Үпөл, жалгыз дебе, бир туугандары турат, - деп Садыбакас кайраттуу сүйлөдү. - Артыгым кайраттуу, чыдамкай жигит, буйруса баары жакшы болот.

- Ошондой эле болсун, - деп Үпөл бет аарчысы менен көзү-мурдун аарчып, бышактай берди. Ошол убакта Садыбакастын иштешкендери, кол алдындагылары тынбай келип, ага кайрат берип, уулунун сакайып кетишин тилеп жатышты. Үчүнчү күнү гана Артык эсине келгенде:

- Кызжибек, Кызжибек, мени таштаба! - деди эле Садыбакас аялы экөө бири-бирин карап тим болушту. - Кызжибек, мени таштаба дейм! - деп кыйналып дагы бирдемелерди сүйлөп, башын эки жакка бура бүткөн бою титиреп кетти.

- Артык, кагылайын, эсиңе келчи, акыбалың жакшыбы, каралдым?

- Апа, апа, Кызжибекти чакырчы! - деди Артык көзүн ачып-жума.

- Каралдым, Кызжибегиңди кайдан билем, балам? - Үпөл ыйлап баласынын жүзүнөн өптү. - Эсиңе келчи, кулунум.

- Аттиң ай, билбесиң чын, апа, - деп көзүн жума жатып калды.

- Уулум, Артык садагаң, көзүңдү аччы!

- Тим кой, эс алсын, көп чурулдабай тышка чыгалы, - деди Садыбакас Артыктын Кызжибек дегенин жактыра бербей.

- Сенин кылганың, баланы өз эркине койбой өз бийлигиңдегидей көрөсүң, каалаганын алсын дегениме көнбөдүң, - деп Үпөл күйөөсүн акырая карап жинденип жатканда Айзада кирип келаткан. - Балдарың болсо сеники, алар мага Артыгымдай болуп бермек беле?!

- Болду, Үпөл, биер үй эмес, - деген Садыбакас артына бурулуп Айзаданы көрө такалып туруп калды. - Кызым, Артык али эсине келе элек…

- Жакшы элеби өзү?

- Шүгүр, врачтар жакшы болуп кетет дешти.

- Ийи, сиздер чыга бериңиздер, мен жанында болойун.

- Кереги жок, тынчтык керек дейт, сен үйүңө бара бер, кызым, жакшы болуп өзүнө келгенде айтабыз.

- Макул анда. - Айзада кайра артка кайрылып эшиктен чыгып баратканда:

- Кызжибек, качпа менден, таштаба мени, Кызжибек! - деген Артыктын үнүн угуп үчөө тең токтоп калышты. - Кызжибек, сени күтөм, сен менден качпа!

- Садагам ай, кайдагыны эле айтасың, берекем, ошол кыз деп ушул акыбалга түштүң го? - Үпөл кайра баласына жетип, анын тердеп кеткен чекесин сүртүп, оозуна суу тамчылатты. - Эсиңе келчи, садагам.

- Кызжибек, Кызжибек, таштаба мени! - Артык өйдө боло калып, кайрадан дөөрүп ысытмасы көтөрүлүп, онтолоп жатып да, Кызжибектин атын кайталай берди. Медсестра келип, укол сайгандан кийин көшүлүп уктап кетти. Үпөл жанында калды. Садыбакас ачуусу келип күңгүрөнө сыртка чыкты. Бир аздан кийин келген Жантөрө Гүлсана менен Айзаданы машинесине салып жөнөмөк болуп баратып, артына кайрыла Садыбакасты карады.

- Кош, Саке, балаң эсен-аман сакайып кетсин, баланын оюнундай иш болуп кетти. Эми биз эки башкабыз, тилектер ишке ашпаган соң бири-бирибизди алдап жүрө бергенде не пайда? Менин кызымдын пешенесине жазганы бардыр, таарыныч жок.

- Жаке, кечир, тилегим зор эле, сени менен куда болом деп ойлогом, бирок али убакыт бар. Уулум сакайып кетсе кайрадан ишти баштоого болот, бул менин максатым эле, андан кайтуум кыйын…

- Насип-буйрук кудайдан, өзүбүз ойлогондой болсо дүнүйө жүзүн башкарам дегендер эбак өз бийлигин жүргүзмөк, - деди да, Жантөрө ары басып кетти. Садыбакас шопуру келип калды эле жумушуна жөнөдү. Үпөл Артыктын жанында эки күн отурду. Артык үч-төрт күн дегенде кадимкидей болуп калды.

- Уулум, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди жаңы кирген Садыбакас.

- Жакшы, - деп Артык тетири бурулуп кетти.

- Мейли, жакшы болуп кетсең болду, - деп үңкүйө отуруп аялына кайрылды. - Аруужанды бир зөөкүр ала качып кетиптир, үйгө барсаң боло.

- Эмне дейт, каякка?

- Кеминге алып кетиптир, телефон чалышты, бүгүн үйгө келишет экен.

- Кандай жерге барды экен, кудай ай, бу кырсык кайдан дагы тооруп калды, деги багы ачылса экен каралдымдын.

- Үйгө келтирбей барып, кызды алып баса берүүбүз керек, кандай жер экенин ким билет? - деп Садыбакас үшкүрө өйдө болду. - Тез үйгө бар, кызды түнөтпөй алып келели.

- Макул, тамагын берип койойун.

- Апа, бара бериңиз, мен өзүм эле ичем, Аруужандан кабар алгыла, - деди Артык Үпөлдү карап.

- Мейли, садага, карабайсыңбы мындай иш болуп калганын, эмнеси болсо дагы жакшылык болсо болду. - Үпөл халатын кийип алган бойдон Садыбакасты ээрчий кошо чыкты. Үйүнө келгенден кийин ачууланган Садыбакас иниси менен келинин чакырып алды да, дареги боюнча Аруужанга жөнөтмөк болду.

- Кыздын сүйөм-күйөм дегенине карабагыла, барган жери кандай экен, ата-тегин сурап билгиле. Аруужанга айткыла, менин беделимди түшүрбөй пас жер болсо силер менен келе берсин.

- Байке, өзү каалаган болсо кантебиз, биз айткан менен болобу? - деди иниси Нурпаяз.

- Болот, болбой турган болсо андай кыздан кечип койорумду айткыла! - дегенде Үпөл күйөөсүнүн маңдайына келди.

- Сен бийлигиңе өктөмдүк жаса, балдарга жасаба, аларды өз жайына кой, эгерде кызым өзү каалаган болсо ордунан козгобогула, балдарымдын бактысы мен үчүн сенин кызматыңан дагы маңыздуу!

- Үпөл, сен бир кара таман, ашка жетпеген немеге кызды бере салгың келеби, ыя? Менин кадырымды түшүргөн балдардын мага кереги жок, - деп Садыбакас ары карап калганда Үпөл анын маңдайына өтүп тике карады.

- Анда ушул сааттан баштап сен биз үчүн жоксуң, мен азыр чыгып кетем, кудаларды инимдикинен тосуп алам. Мындай мансап менен эмес, карапайым адам катары жашап, балдарымдын бактысы үчүн күрөшөм, уктуңбу, Садыбакас?! - деп кийим-кечесин жыйыштырып кирди. Чемодандарын көтөрүп, үйдөн чыгып баратканда Нурпаяздын аялы Бермет:

- Жеңе, бир ачууңузду мага бериңиз, акем деле ойлоноор, - деди эле ага Үпөл сыпайы гана жооп берди:

- Бермет, акеңдин башка балдары бар, а менин ушул уулум менен кызымдан башка эч кимим жок, өз билгенин ошол балдарына кылсын. Мен ушул деп ушу убакка чейин үн-сөзү жок жашап келдим, эми чыдай албайм! - дегенде Садыбакас башын чеңгелдей үстөлдө отурган жеринен аргасыз үн катты:

- Үпөл, бир кезде сен деп эки баламдын башын аттап чыгып кеткемин. Балдардын каалаганы болсун, байкабай сөзүмдөн жаңылган болсом кечир, Нурпаяздар кыздын ал-акыбалын билип келсин, - деди.

- Артыкты өз жайына койосуңбу?

- Ооба, каалаганын кылсын, байбиче, очогубузду суутпайлы. Жашым алтымышка кирди, кызматта бийлигимди жүргүзгөнүм менен үй-бүлөмдө бир адам катары экенмин. Өзүмдүн аргасыз пенде экенимди эсиме салганың дурус болду, конок күтүүгө даярдан, - деди оор күрсүнө. Ошол кезде эшиктен үйүндө жүрүп, ар кандай жумушун жасачу Артур деген жигит баш бакты:

- Аксакал, эшикке кишилер келди.

- Ким экен?

- Кудаларбыз дейби?

- Азыр чыгам, - деген Садыбакас инисине кайрылды. - Жүрү көрөлү. - Алар ээрчише эшикке чыкканда салабаттуу кийинген эки адам колдорун бооруна алып:

- Кулдугубуз бар, куда, кызыңар бизге барды, - дешти жарыша.

- Кулдугуңар кудайга, ким деген экен, кандай адамга куда болгонумбу билсек болобу?

- Кемин районунун сельсоветине келин болду, кызыңар бала экөө сүйлөшүп жүрүшкөн экен, ачуу басаарыбызды кабыл алыңыздар!

- Үйгө киргиле, - деди Садыбакас токтоо.

- Ыраазыбыз, аксакал, кантсе да эл үстүндө жүргөн кишисиз да, түшүнгөнүңүзгө рахмат.

- Мен да силерге окшогон адаммын, ата-бабанын салтын кантип унуталы, кудай жок дегенибиз менен дилибизде кудай тирүү жашаарын, ишенимибиз күч экенин кантип танабыз? - Садыбакас курулай күлө ичкери киргизди. Бермет менен Үпөл дасторкон үстүн жайнатып, сырттан Артурга союш сойдуруп, заматта конок күтүү ырасымы башталды.

- Эки бала табышып калыптыр, куда, мен кудаңыз менен бир тууган болом. Дос айрылат, сөөк кайрылат дегендей түбөлүккө ысык-суугубузга чогуу кайрылыша турган болуп калдык, - деди Тургунаалы арактан ичкенден кийин бакылдай.

- Эми балдар табышып калса бизде кайсы амал, ошолор бактылуу болушсун, эки жакты тең сыйлаган ыймандуу, ырыс-кешиктүү жаштардан болсун, - деди Садыбакас баш ийкей.

- Сизге рахмат, үй-бүлөдө да, кызматта да өзүңүздү адам катары алып жүрөт экенсиз, болбосо кызматыңызга чиренип бизди киргизбей койобу деп чочулап келдик эле.

- Мунун баарына кудагыйыңар Үпөл себепкер, менин оюма койгондо эбак кызымды алып келип алмакмын, - деп Садыбакас сүлкүлдөй күлүп калды. - Чынын айтсам көп акыл ушул кудагыйыңардан чыгат, кызматыма да кийлигишип андай кылба, мындай болсо туура болот деп жол көрсөткөн ушул.

- Кудагыйдын Каныкейдей акылмандыгы менен сыймыктанат экенсиз да, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт дегендей келинибиз оңой кишилерден чыкпаптыр, - дешип бакылдашып жатты. Эт бышып, колго суу куюлган соң эт тартылды, андан кийин конокторго кийит кийгизип узатышты. Ачуу басарга бир кой, миң сом акча келген экен, бир жашик арагы менен конфет-печенийи да бар. Садыбакас алар кеткенден кийин түнөрүп жаагын таяна көпкө отурду. Кечке маал он эки адам кыз кууп жөнөштү. Сагынаалы сельсовет болуп иштеген селолук советтин кызматкерлери да ошол жерде. Кудаларды коноктоп сыйлап, алдына эки миң сом коюп, кийитти мол кийгизип жөнөтүштү. Аруужан ыйлап-ыйлап отуруп калды. Ал Ильязбек менен сүйлөшкөн эмес, кээде гана экөө бирге басып калганы болбосо, мамилеси анча эмес болчу. Кутманга жолуккандан качып башка жолго түшсө да, ал алдынан тосо бергенде тажаган кыз:

- Кутман, мындан ары жолумдан чыкпа, жигитим келип калды, - деп кабак бүркөй терс бурулду.

- Аруужан, мен сени сүйөм, муну айтпасам жаным жай алчудай эмес, сен эмне десең ошо де, сүйөм сени!

- Жок-жок, Кутман, мени кечир, мен сени баары бир сүйбөйм, - деп колун силке басып кетти.

Ал жүгүрүп кетип жатканда Кутман:

- Аруужан, баары бир мен сени сүйө-өм! - деп кыйкырып кала берди. Ары жактан келе жаткан Ильязбек Аруужанды токтотуп:

- Эмне болду? - деп сурады.

- Эч нерсе, бара берчи, Ильяз.

- Эмне керек? - деп Кутман жете келди. - Койо бер кызды.

- А сага эмне керек?

- Мен Аруужанды сүйөм!

- Сен сүйсөң мен да сүйөм, кимибизди тандаар экен? - Ильязбек жылмая карады. - Аруужан, айтчы, кимди сүйөсүң?

- Эч кимди, мен эч кимди сүйбөйм! - деп кыз алардан узап кетип баратып, артын караса экөө мушташып жатыптыр. Кыз эси чыга карап туруп калды, алардын бири-бирин жыга тээп, катуу урушуп жатканын көрүп, кайра жетип келди.

- Аруужан, кана кимибизди тандайсың? - деп Кутман Ильязбектин ийининен бекем басып алып, Аруужанга кыйкырды.

- Уятыңар барбы, мен силерге оюнчукмунбу, урушуңарды токтоткула, болбосо милиция чакырам.

- Аруужан, мен сенин бир сөзүңдү укмайынча ушул жерден өлсөм дагы кетпейм, сенин айыңдан азыр бирибиз жок болобуз, - деген Кутман Ильязбектин колун артына кайрып ийгенде ал бакырып ийди. Ошондо жетип барган кыз Кутмандан кутулуш үчүн аны күч менен түртүп ийди да:

- Ооба, мен Ильязды сүйөм, экинчи жолумдан чыкпа, сени көрөйүн деген көзүм жок! - деп Ильязды колтуктап тургузду. - Менин сага айткан жигитим ушул, уктуңбу, мындан кийин эч качан атымды атоочу болбо! - Ильязды колтуктап басып кетти.

- Аруужан, баары бир сени тынч койбойм! - деген Кутман ары көздөй башын жерге сала кетип баратты.

- Муну кайдан тааныйсың? - деди Ильязбек келе жатып.

- Көптөн бери.

- Сүйөсүңбү?

- Сүйгөнүмдү ошентмек белем?

- Кечир, мындан ары сага жакындатпайм.

- Рахмат, өзүмдүн деле алым жетет, - деп Аруужан күлүп койду.

- Чынын айтсам мен сага жолукканда аябай сүрдөп кетем.

- Эмнеге?

- Анткени сени сүйөм, Аруужан.

- Аа-ай кудай ай, бирөөнөн зорго кутулуп жатса эми сен калдыңбы, - деп бырс күлдү кыз.

- Мазактасаң да өзүң бил, ата-энем үйлөнтөбүз деп жатат, Аруужан.

- Эмне кылайын, кышкы чилдеде үйлөнгөнгө эмне себеп?

- Билбейм, атамдар болбой жатышат, сүйлөшкөн кызың барбы деп шаштырып, мен сага айталбай жүрдүм эле, жакшы болду ички сезимимди билдирип алдым.

- Билдиргенде эмне, мен Кутмандан кутулуш үчүн гана айттым, мындан ары атамдын кызмат машинасы менен келем, - деп кыз бир аз өкүнгөнүн билдире айтты. - Мен эркин болгум келген, сабактан чыгаарым менен эле мени күткөн машинаны жаман көрөөр элем, анткени күндө жеткирип, кайра алып кетчү.

- Атаң кайда иштейт? - деди Ильязбек көңүл бура.

- Райондо райком.

- Оо, сен чоңдун кызы турбайсыңбы?

- Чоң болсо атам өз ишине чоң, бала кезимден бирөөгө көз каранды болууну жек көрөм.

- Менин атам селолук советтин сельсовети, бир айылдын чоңу, а сеники райондуку тура. Аруужан, мен сага үйлөнөм! - деп кызды колдон ала алдын торой басып сүйлөп келатты. - Биз беш бир тууганбыз, үч эркек, эки кыз, эң улуусу менмин.

- Ошондуктан атаңдар келиндүү болгусу келет го?

- Ошондой десе да болот.

- Макул анда, Ильяз, мен барайын, - деп кыз үйүнө кетчү аялдаманы көздөй басып кетти. Ильязбек колун булгап карап турду. Ошондон кийин күндө жолугуп, аялдамага чейин бирге келет, ага деген түгөнбөс сүйүүсүн айткандан жадабайт. Арадан бир ай өткөндө бакта отуруп:

- Бажырайып ачылган кызыл гүлгө,

Кимдер гана суктана карабасын.

Толкутуп жүрөктөрдү эргүү берген,

Булбул үнүн кимдер гана тыңшабасын.

Аткан таңдын шооласына жылынышып,

Бакыт күүсүн чалып кимдер кубанбасын. Аруужан, сен менин аткан таңым, тийген күнүм бол, эшигимде өскөн ак кайың болсоң мен көлөкөңдө салкындап отурайын, менин аппак сүйүүм, таза махабатым сен үчүн, - деди.

- Кызыксың, Ильяз, мен эч кимди сүйбөйм, сүйгүм дагы келбейт, качан гана окуумду бүтүп, иштегенден кийин анан ойлоном сүйүүнү да, күйөөнү да.

- Ага чейин убакыттар өтүп кетет, Аруужан, жашыбыз өтүп кете электе үй-бүлө куруп алсак жакшы эмеспи.

- Ильяз, сен сүйүүңдү башкадан изде, менин сага деген сезимим жок, сүйүү болбосо кандай жашоо болот?

- Макул, сен мени сүйүп калганча күтөм.

- Сүйүп калат деп ойлосоң жаңыласың.

- Мен өз туюмума ишенем.

- Жок, менин Кутманга айтканымдан улам айтып жатасың.

- Андай эмес.

- Анан эмнеге ишенесиң?

- Мен кыздар сүйө турган жигитмин, эч кимден эч жерим да кем эмес, ата-энем бар, акыл-эсим жетиштүү.

- Ошондой эле болсун, бирок мен сени сүйө албайм.

- Эмнеге?

- Сүйүүгө ишенбейм.

- Мен ишенем.

- Болуптур, Ильязбек, мен үйгө жөнөдүм, кыялдар кылым бою өзгөрүлбөйт, бирок кыялдардын ишке ашышы күмөн, - деп жылмайып койду да, туруп жөнөдү.

- Ойлогон ойду ишке ашырууга неге болбосун?

- Макул эми, эртеңкиге чейин.

- Көрүшкөнчө. - Ильяз ошол күнү ата-энесинин суроосуна токтолбой шыр жооп берди. Алтынбек менен Гүлназ бири-бирин карап, бир саам туруп калышты. Анан Алтынбек:

- Уулум, кыз райкомдун кызы дейсиңби? - деди чала угуп калдымбы дегендей.

- Ооба, ата, атасы райком, өзү мединститутта окуйт.

- Болду, балам, алып келе бер, буйруса райкомго куда болот экенбиз да, - деп Алтынбек алаканын ушалай аялын карады. - Абысындарыңды чакыр дагы жакшылап даярдангыла, мен союшту камдайын. Каныкейдей кылып апамды төргө отургузуп койолу, аларга сый гана керек, мактоону чоңдор жакшы көрөт, - деди күлө.

- Өзүң дагы ошондойсуң, Алтыке деп койсо совхозго тим эле өз күчүңдү да аябайсың, - деп калды Гүлназ.

- Ээ байбиче, бийлик бар жерде байлык бар, байлык бар жерде урмат-сый бар, баары эриш-аркак болушат. Колуңда токочуң болбосо кайрылып сага ким салам берет, отурган ордуңду гана көргөнгө араң жарайсың, байлыгың-бийлигиң болсо дүнүйө жүзүн кыдырып чыгасың. Кудай ыкыбал берем десе ушинтип өзү эле туш кылат, - деп чалкалай отурду.

- Ата, мен Аруужанды атасынын байлыгы же бийлиги үчүн эмес өзүн жактырдым, мен аны сүйөм, - деди Ильязбек атасына.

- Тилегиңе жет, балам, ошол сүйүүнү берген Аллага ыраазы боло бер, келечекте өзүңө жөлөк болот, катын албай кайын ал деген эмеспи.

- Сен дагы бара-бара бийликке умтула баштадың, андан көрө тынч өмүр сүргөнүбүз дурус эле, - деди Гүлназ.

- Бийликке умтулганым жок, жакшы жашоого умтулуп жатам, балдардын келечеги, өзүбүздүн кор болбой жашообуз үчүн, алтыным.

- Жашоого умтулганың го жакшы, ач көздүккө берилбе, жаш балдардын келечек тагдыры өзүндө, жакшы жүрсөң жакшылык өзү келет, Алтынбек, кудайдан тилейли…

- Кам санаба, бирөөгө жамандыгым жок, ал эми кызматка көтөрүлсөм жаман деле болбойт го, - деп аялына жылмая карады.

- Иши кылса абийириң менен болсоң өзүңдүн да жүзүң жарык болот, балдарың дагы башын өйдө көтөрүп жүрөт, - деп Гүлназ күйөөсүнө жай айтып отурду…

Ошентип Ильязбек кийинки жума күнү эле Аруужанды сабактан келаткан жеринен ала качып келди. Аруужан ыйлап-сыктап атасынын кабинетине телефон чалдырды. Бирок үй-жайын, жашоосун көрүп, өзүнө жасаган мамилелеринен улам анчалык кетем деп жулунбады, Ильяздын өзүнө деген сүйүүсүн да сыйлап унчукпай отуруп калды…

Артык эки жумадан кийин үйүнө чыгып келди, колу карысынан сынган экен, сол карысын таңып алган. Үпөл үйрүлүп түшүп ысык-жылык тамак-ашын дайындап жанында. Артык түнөрүп эч ким менен сүйлөшпөйт. Бир күнү баш жагын бийиктеп алып жатайын деп жаздыгын өйдө көтөрүп, алдындагы конвертти көрүп калды. Алып карап, Кызжибектен келгенин биле шашып ачып окуп чыккан соң көзүн жумуп ийди.

- Кечир мени, Жибек, сенин ошол күнгө кабылышыңа мен гана күнөөлүүмүн, мен-мен, ме-ен! - деп диванга үстөмөндөп жыгылды.

- Артык, эмне болду, уулум? - Үпөл үрпөңдөй кирип келди.

- Эчтеке, катты ким койгон?

- Мен, эмне болду?

- Эчтеке, апа, мени жалгыз калтырыңызчы?

- Макул, - деп Үпөл чыгып кетти.

- Неге-неге аны мейманканага алып бардым, үйгө алып келсем болбойт беле же эжесиникине эле жеткирип койсом эмне? - деп өзүнчө сүйлөнө өкүнүп жатты. Анан ойлонуп отуруп, кат жазууга киришти. "Саламатсыңбы, Кызжибек, денсоолуктарың кандай? Кызжибек, сенин алдыңда менин күнөөм оор экен, дегеним менен тааныш эмес жерде кароосуз таштап койдум? Өзүм кийин өкүнүп калдым. Сен мени кечир, күчүң жетсе кечир, алтыным. Мен сени өзүмө өмүрлүк жар кылып алууга даярмын, мектебиңди бүтүргөнчө чыда, алтыным. Сени мен андай абалда сыздатып таштай албайм. Сен меники гана болууга тийишсиң. Жооп жаз, Кызжибек. Сөзсүз жооп жаз, мени менен байланыш. Сен үчүн баарына даяр Артык. ", - деп жазып, эртеси почтага салып келди. Кайра үйүнө келсе, Айзада Үпөл менен чай ичип отуруптур, байкамаксан болуп өз бөлмөсүнө өтөөрдө:

- Артык, денсоолук кандай? - деп Айзада басып келди.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Жакшы, сени көрүп келейин деп келгем.

- Рахмат.

- Жумушка чыга элексиңби?

- Жок.

- Биз менен отуруп чай ичпейсиңби, балам? - деди Үпөл отурган жеринен. - Кел, балам.

- Кардым ток, апа.

- Үпөл апа, мен Артыктын жанында болом, отура бериңиз, - деп Айзада кошо басканда Артык токтоп аны карады.

- Мен эч нерседен коркпойм, жалгыз болгум келет.

- Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмне жөнүндө.

- Адегенде бөлмөңө кирели.

- Ушу жерден айта бер.

- Артык, сен Кызжибекке жолугуп жатасыңбы?

- Сага анын эмне кызыгы бар?

- Абдан кызык, менин тагдырыма аралашкан кызды көргүм келет, - деп Айзада алдыга басып, өзү билип бөлмөгө кирип келди. Ачууланган Артыкты Үпөл токтотуп калды:

- Балам, Айзаданы капа кылба.

- Бул эмнеге келди?

- Атаң аны өз бүлөсүнүн бир мүчөсү катары кабыл алып, келип тур деп уруксат берген.

- Ай ушу силерди! - Артык жиндене бөлмөсүн көздөй басып кетти.

Айзада кирип келип эле Кызжибектин катын алып окуп аткан. Анын колундагы катты көргөн Артык:

- Эмнеге уруксатсыз буюмдарымды кармайсың? - деп катты жулуп алды. - Экинчи менин буюмдарыма тийбей жүр!

- Жарайт, Кызжибектин ал-акыбалы оор го? - Айзада кытмыр жылмая ага жакындады. - Демек акыбалын билишиң керек.

- Айзада, жиниме тийбей барчы!

- Мына кеттим, - деп эшикке жетип кайра кайрыла карады. - Же сенин ордуңа барып көрүп келейинби?

- Аны менен ишиң болбосун!

- Жакшы тур, - деп коюп чыгып кетти Айзада.

Артык ачуусу келгенинен үй ичинде ары-бери басып жүрдү. "Деги буга менден эмне керек, аны сүйбөсүмдү кандай түшүнбөйт, канча жолу айттым, менден башка эркектер деле толуп жатпайбы", - деп бирде ичинен, бирде сыртынан күбүрөнө берди. Кыш чилдеси өз өкүмүн жүргүзүп жаткан кез, кар балпылдата жаап, айлана күңүрт тартып баскан сайын кар кырт-кырт этип дабышы артыңдан чыгып суук кычырайт. Аңгыча Кызыл Армиянын күнүнө арналган майрам кирип келди. Артык майрамдан кийин жумушка чыкты. Күндө келгенде апасынан кат келген-келбегенин сурап, терс жооп алса шаабайы сууй түшөт. "Демек ал шаарда экен, аны кандай табам, дареги жок адамды издеген менен табамбы?" - деп ойлонуп тынчы кетет.

Кубатбек эки-үч айдан бери жалгыз жашап кыйналып кетти, Шааркан менен Кызжибектин каттабай койгонуна кейип инисинин үйүнө келди.

- Кел, аба, - деди иниси Туратбек.

- Келдим.

- Төргө өтүңүз, ава, - деп келини да ыйбаа кыла айтты.

- Кудай жалгасын, балам, - деген Кубатбек өйдө өтүп орун алды.

- Ава, жеңем сизди жашыңар өткөндө таштап кеткени эмнеси? Кудай урбадыбы эми.

- Менден да кетти, уул балам жок деп арман кыла бергениме ачуусу келсе керек. - Үңкүйө отуруп күңкүлдөй жооп кылды.

- Эми жок болсо жок дейсиз да, төрөбөгөн өзүндө күнөө.

- Кой, Турат, анда деле күнөө жок.

- Эмесе, ава, эртең туугандарды чогултуп сизди үйлөнтөбүз, аял алып беребиз, буга кандай дейсиз? - деди Туратбек агасын жылмая карап.

- Кайдагы аял, эми мага үйлөнгөндү ким коюптур?

- Эмне болот экен, тиги өйүздөгү айылда бир бой келин бар дейт, ошону сүйлөшөбүз да алып беребиз.

- Иним, мен силердикине мага аял алып бергиле деп келгеним жок, ушу суукта үйдөгү малды карап тургула дейин деп келгемин, - деди Кубатбек капа боло.

- Сиз кайда барасыз?

- Шаарга.

- Ой чунак киши, эми жеңемдин артынан бармаксызбы?

- Аялыма барбасам кызыма барам.

- Кетсе да жайдын күнү кетпей кыш чилдесинде кетишкенин кара, Жибек бойго жетип эле калды, ошол деле айтса болмок, апасы кетсе да ал калбайт беле, биротоло ниетин бурган го? - деп Туратбек жини келе сүйлөдү. Аңгыча келини тамагын алып келди. Кубатбек аерден ысык тамак ичип алып, үйүнө келип жатып калды. Күндүзү Кызжибектин атына шаардан келген катты почточу алып келип бергенде катып койгон. Момун адам да, окумак турсун ачкан да жок, кызын сагынганы ушунчалык: "Алтын кызым, сагынып зорго жүргөндө жакшы шылтоо болду, бир барып келейин, кызалагымды бир жыттап келбесем өлүп калбайын", - деп ойлонуп өзүнчө кубанып жатты. Эртеси эле Туратбекке малын, үйүн дайындап коюп, шаарга жөнөдү. Сурмакандын үйүн билет, автобуска отурду да, жолгата телмирип ойго батып келе берди. Болжолдуу жерден түшүп калып, Сурмакандын үйүн бет алды. Ал келгенде Шааркандар түшкү чайын ичип отурушкан.

- Оо жездем келип калган го? - деп Сурмакан тура калды.

- Жакшы турасыңарбы? - деп босогодон киргенде Кызжибек чуркап жетип кучактады.

- Ата-а, атам келди!

- Оо садагаң болоюн десе, сени сагынып өзүм келбедимби, - деп Кубатбек кызын бооруна кысып, шор-шор жыттап алды.

- Кел, Кубатбек, мал-жан аманбы? - Шааркан токтоо карай сурады.

- Шүгүр, Шакен, баары жакшы.

- Отуруңуз, жезде, чарчап-чаалыгып келгендирсиз?

- Жок, жакшы эле келдим.

- Ошентсе да чайдан ичип жай отуруңуз, жезде.

- Отурбай анан, мынча келгенден кийин жатып кетем да, - деп Кубатбек төргө отуруп, башындагы калпагын алып жанына койду.

- Баса, малды кимге табыштадың? - Шааркан күйөөсүн карай суроо салды.

- Туратбек карай турган болду, Жибекке шаардан кат барган экен, ала келдим эле, - деп төш чөнтөгүнөн катты алып чыгып, Кызжибекке берди. - Окуй кой, кызым.

- Анын эмнесине убара болдуң, кайра почтодон салып ийбейт белең, - деп Шааркан саал сүйүңкүрөбөй кызын карады. - Кимден экен?

- Жөн эле, бир курбумдан келиптир, - деп Кызжибек ордунан туруп, башка бөлмөгө кирип кетти. Катты окуп алып ыйлап да, кубанып да жатты. "Мен неге ошондо эле айткан жокмун, жок-жок, кантип айтмак элем, ичимдеги белгисиз бирөөдөн болгон баланы ага көтөрүп баргым келбейт, ушул бойдон калганы жакшы, билбеген бойдон калсын", - деп ойлоду.

Каттын этегиндеги телефон номерди көрүп, эчен ирет телефон чалып сүйлөшмөк болду, бирок антүүгө даабады. Кубатбек эртеси эле кайра айылга кетип калды. Туугандары чогулуп кеңешип-таңашып жатып, ага бир баласы бар, күйөөдөн ажырашкан Нурзада деген жаш келинди алып беришти. Ата-энеси тынып калсын дедиби калыңды албады, коноктоп кийит кийгизип тим болушту. Кубатбек үчүн жаш аялга көнүү кыйын болду. Ал кирип-чыгып малын көздөп, Нурзаданын кичинекей беш жашар уулун эрмек кылып жүрө берет. Нурзадага дагы кыйын, атасындай адам менен жашап, "сиз" деп, кийим-кечесин таза жууп, тамагын жакшылап жасап кашында. Кубатбектин бар ою эле эптеп бир уулдуу болсо көөнү тынып калчудай. Ошентип ойлонбогон жерден кырк жылдап жашаган аялынан, бойго жеткен кызынан ажырап, жашоосу жаңыра түштү.

Кызжибек жай айынын баштапкы күндөрүнүн биринде уул төрөп алды, Шааркан аны көзүнүн карегиндей карап абдан жакшы көрөт. Кызжибек анча бериле албады, "Менин бактымды байлаган адамдан төрөлгөн баланы көргүм да келбейт", - деп мээрим төгө албай, эмизбей да койду.

- Кызым, баланы кектегенге болбойт, наристеде эмне айып, өзүң менен тең өсүп калат, өлбөсөм чоңойтуп койом, - деди Шааркан бир күнү.

- Көргүм келбейт, апа.

- Кой антпе, каралдым, эл билбесин, атаң билбесин деп сени калкалап отурам, атаң болсо үйлөнүптүр, эгерде ал балалуу болсо сага бир тууган болот.

- Сиз туура эмес кылдыңыз, апа, мени жөнөтүп эле өзүңүз кала берсеңиз болмок, мен өзүмдү ошол үчүн дагы күнөөлүү сезип жатам.

- Бул акыры болчу иш эле, кызым, ал жашы өтө электе балалуу болуп калса менин көңүлүм тынып калат, уул төрөп бербегеним үчүн өзүмдү өмүр бою күнөөлүү сезип жүрө бербей туура кылдым, - деди Шааркан үшкүрүнө.

- Эркек-эркек дейсиңер, мына дайынсыз бирөөдөн эркек төрөдүм, мунун кимге кереги бар?! - деди Кызжибек ызалуу. - Мен жек көрөм, апа, жек көрөм, менин максатымды, бактымды талкалагандын баласын көргүм да келбейт!

- Кесир кылба, садага, бул дагы кудайдын буйругу менен жарыкка келди, жараткан өзү насип кылбаса бала эмес жумуртка пайда болбойт, кызым, балага кесир кылба, - деп эне кызына толгон акыл-насаатын айтты. Уулунун атын Бакберген деп коюп, Шааркан колунан түшүрбөйт. Өзү дагы сүйкүмдүү бала, болпоюп жооштугун айт, карды ток болсо эле быйпыйып уктай берет, анан дагы аркасында далынын тең ортосунда бармак басым калы, калдын үстүндө өскөн жумшак кара жүнү бар. "Кыйын бала болот буйруса, кызымдын багына ушуну бергендир, бала деп балапан башым куурады дегендей ушундай бир уулдун айынан карманган тутканымдан кечтим эле", - деп ойлонуп алат Шааркан. Кызжибек Сурмакан иштеген фабрикага күндүзгү сменге кирип иштеп алган. Кубатбек өзү мал сатып келип берген акчага эптеп бир бөлмө үй сатып алып, өздөрүнчө бөлүнүп жашап жатышты. Убакыт өтө берди. Кызжибек өткөнүн унутуп, жашоого кайрадан суктанып, үмүт-тилеги пайда болуп жашай берди. Анын өмүрүндө дагы бир жигит пайда болду, ал анын келин экенине, балам бар дегенине карабай үйлөнөм деп тынчын ала бергенде аргасыз бир өмүрдүн гүл багында эркин сайрандоо үчүн макул болду. Ошентип үлпөт той өткөрүп, Данияр Кызжибекке үйлөндү. Экөө бири-бирине жөлөк болуп, бирге иштеп жашай баштаганы менен Данияр кызганчаак болуп чыкты. Кызжибекти ар кимден кызганып эле уруп-сого берчү болду. Кызжибек жыл айланбай дагы бир уул төрөп алды. Данияр балалуу болгондо бир аз алаксып, бактылуу көз ирмемдерди өткөргөнү менен кайра эле майдаланып, уруш баштаганда Кызжибек талпынып калган наристесин бооруна кысып, апасына баса берди. Аз өтпөй Данияр келди артынан.

- Жибек, кечир мени, мен акмак болдум, үйгө кетели.

- Жок, Данияр, эми мен сенин азап-тозогуңа чыдай албайм.

- Анте көрбө, Жибек, менин сага деген таза сүйүүм сени кызганууга түрткү болду, экинчи кызганбайм, балам экөөңөрдү алып кетейин, каршылык кылба.

- Болбойт, сенин сүйүүңдөн дагы азабың мага жеткиликтүү болду, Данияр, - деди Кызжибек ыйлап отуруп. - Кааласаң балаңды алып кет, мени жайыма кой.

- Кантип, мен сенсиз жашай албайм, жүрү кетели, Жибек.

- Кетпейм дедим кетпейм, ушундайда сен өз бактыңды изде, мен эми сени менен жашай албайм, болду мындан ары келбе! - деп Кызжибек туруп кетти. Данияр көпкө отуруп, баласын алып өөп, Шаарканга кайрылды:

- Апа, сиз бирдеме деңизчи, мен мындан ары чекесинен чертпейм, бир жолу ишенип койсун, үй-бүлөбүздү сактап калыңыз.

- Балам, мен Жибектин бала кезден бир мүнөзүн билем, ал бир айтканынан кайтпайт, мен айткан менен болбойт. Өзүңдүн кетирген күнөөңдү сез, башы-көзүн жарып, айбанча сабаган күндөрүң болду, эми болбой калды, балам. Бала сеники, алсаң алып кет, болбосо аны бизге тынч кой, акыры атасы сенсиң. Бакберген менен Бакдөөлөт бири-биринен бөлүнбөй чогуу өссүн, - деп Шааркан жер карап калды. Данияр тунжурап көпкө отурду да, үйдөн чыгып кетти. Ошол бойдон Кызжибек эркек аттууну көргүсү келбей иштеп жүрө берди. Эки баласы бирдей бой жетип барат. Кызжибек Бакбергенге караганда Бакдөөлөтүн абдан жакшы көрөт, жумуштан кийин балдарын, апасын ээрчитип, кино-театрларга барат. Бара-бара токтоо тартып, жашоого бышты…

Артык катка жооп ал албай же Кызжибектен кабар уга албай абдан кыйналды, сүлдөрү качып арыктап да бүттү, акыры жашоо улана берээрин, өмүрдө зомбулук менен мээрмандык эриш-аркак болуп убакыт өтүп, өмүр аягына чейин машакат менен өтүп кетээрин сезди. Экөө бир эле шаарда. Кызжибек анын кабинетинин телефон номерин далай ирет колуна алып, чалмак болгон менен эрки жетпеди. Арадан эки жыл өткөндө Артык Айзадага үйлөнүп алып, тынч өмүр сүргүсү келди. Кызматы көтөрүлүп, аны горкомдун секретарлыгына шайлашты. Айзада өзү каалап, сүйгөн адамга чыкканы менен жашоосу муздак болуп өтүп жатты.

- Артык, сен мени кечир, - деди бир күнү өз бөлмөсүнө киргенден кийин Айзада. - Ырас, өзүм каалаган адамга жеткеним менен өзүм каалаган нерсеге жеткеним жок, арманым ушул, - деп улутунуп алды.

- Айзада, мен жаныңдамын, жумуш деген жумуш, чарчап-чаалыкканда тынч эс алгым келет, анын эмнеси бар, эч нерседен кем эмессиң.

- Ооба-а, баары бар, болгону сүйүү жетишпейт, бир адамдын сүйүүсү жеткиликсиз экен, дүнүйө дейсиңби? - Айзада ый аралаш ызалуу күлдү. - Мени ата-энем деле жылаңач-жабык калтырмак эмес, өзүм да иштейм, бул өлүк дүнүйө кимге оопа болуп бериптир, мага сенин сүйүүң керек, жакында балалуу да болобуз…

- Өлүү дүнүйө да керек, сүйүү болуп эч нерсең болбосо ал дагы жаман, Айзада, балалуу болсок жашообузда дагы бир адамга көбөйөбүз, ошондуктан иштеш керек. Кызматым уламдан-улам өйдөлөп баратат, баары силер үчүн, сүйбөйт дебе, мен сенин гана күйөөңмүн, - деди Артык жылмая.

- Баары бир мен жашоомо эмес, тагдырыма нааразымын, жөнөкөй эле адамдын аялы болсом дагы сүйүп турса, эртели-кеч өз жүрөгүнөн чыккан жакшы сөзүн айтып, чын дили менен кучактап, махабаттын ыйык, бийик чокусуна жеткирип турса ошол менин бактым эле. Сен кучактасаң кучагың муздак, карасаң көздөрүң кусалуу, сүйлөсөң сөздөрүң жасалма. Айтчы деги, Артык, мен сени сүйгөнүм үчүн айыптуумунбу? - Айзаданын көздөрүнөн аккан шурудай жаштар жүзүнөн ылдый тоголонуп ээгинен мойнуна акты. Шилекейи менен ызасы муунтуп тамагын кылк эттирди.

- Эмне деп эле жатасың, айтканыма түшүнбөсөң каалаганыңды кыл, көөнүң келсе бара турган жагыңа бар! - деп Артык ордунан туруп, илгичтен костюмун кийди да, караңгыда эшикке чыгып кетти. Айзада бүлк-бүлк эткен ичин сыйпалап ыйлап жатты. Артык кийинки күндөрү өзүнүн секретары Гуля менен мамилелеш болуп жүргөн, жини келип машинасына отуруп, ошого кетип калды. Келип квартиранын эшигин тыкылдатты эле ичкериден:

- Ким? - деген назик үн угулду.

- Гуля, ач эшикти, - дегенде шарак эттирип илгичти ачып ийип, таңгала карап калды.

- Артык Садыбакасович, түндө сизге эмне болду?

- Сураба, - деп кирип келди. - Жок дегенде сен сурак кылбачы.

- Кечириңиз.

Гуля жаш кыз. Эки жыл мурун Артык аны кайда барса да өзү менен алып жүрүп, чогуу өткөргөн түнү үчүн үй тартуу кылган, ошол бойдон экөө жүрүп келет. Зээни кейигенде, көңүлү чөккөндө келип жатып кетет.

- Бирдемең барбы? - деди үңкүйө үстөлгө отурган Артык. Гуля эч нерсе дебестен тамак менен бирге коньяк алып келип, рюмкага куюп алдына койду. - Сен ичпейсиңби?

- Жок.

- Отур, сен мага кабинетте секретарсың, азыр менин маңдайыма отур да бир аз көңүл көтөр, - деди Артык аны карай. - Мен сага ар дайым ушундай абалда келгениме ачууң келип турат го?

- Ооба, - деди Гуля эми гана тилге келип. - Көбү сиз экөөбүздүн көңүлдөш экенибизди билет, мен деле эл катары үй-бүлө күтүп, балалуу болгум келет. Бирок эч ким сөз айтпайт, горкомдун биринчи секретарынан айбыгышат, а сиз өз үй-бүлөңүз мененсиз..

- Коркпо, сага күйөөнү өзүм таап берем.

- Кантип? - деди Гуля муңая.

- Ушинтип эле, үстүңдө үйүң бар, жашсың, сулуусуң, - деп Артык аны көзүнүн төбөсү менен карап койду. - Сенин кээ бир мүнөзүңдүн жакшы жактары бирөөгө окшошуп кетет, бирок ал эмессиң, - деп башын буруп стаканды колуна алды. - Кел эми мени менен алып кой.

- Азыр. - Гуля өзүнө бир рюмкага куюп, жылмая Артык менен кагыштырды. - Сиздин денсоолугуңуз үчүн!

- Мына-мына, дал ушул көрүнүшүң окшошуп, жан дүйнөмдүн кемтигин толуктап, жоголгонумду таап алгандай болуп эс ала түшөм, келчи, жаным, - деп Артык эки колун созду. - Чарчаганыма дем берип жанымды жай алдырчы, сенин мээримиңден кумар алам, күлкүңдөн кубат алам, - деди эле Гуля анын жанына келип алдына отуруп, мойнуна колун ороду.

- Сиз мени бирөөгө окшотуп гана жакшы көрөсүз, аялыңызга сүйүп үйлөнгөн эмес белеңиз?

- Сүйгөн, сүйбөгөнүмдү билбейм. - Артык келиндин мойнунан жыттап кучагына кысты. - А сени бирөөгө окшоштурганым ырас, мен эми аны көрө албайм, такыр көрө албайм, Гуля.

- Эмнеге, ал өлүп калды беле?

- Жок-жок, ал тирүү, бар эле…

- Анан эмнеге жетпей калгансыз?

- Ал өзүнчө узак сөз, азыр сен менин жанымдасың, мага ушул гана жетишет, эс алалы, - деп келинди өөп, жерге түшүрө белинен кучактай уктоочу бөлмөгө киришти. Артык дал ушул жаш келинден кээде жылуулук табат, анын жанында болгондо Кызжибекти эстеп, ал жанында тургандай өзүн жеңил сезет.

Жыл айланбай уулдуу болушту. Үпөлдөн улуу эжеси Апал келген, ал экөө он-он беш мүнөттөн удаа төрөлгөн эгиздер. Апалдын он баласы бар, күйөөсү жылкычы, жайы-кышы кымызын, май-сүзмөсүн ташып келет, балдары Садыбакас аркылуу окуп-чокуп, баары кызматта, врач, мугалим болуп иштешет. Айзада төрөгөндөн кийин Үпөл аны өзү карамак болуп алып келип алган. Садыбакас небересинин төрөлүшүнө келинине арнап алтын саат белек кылды. Жантөрө менен Гүлсана небересин көрүп келип калышты. Апал менен Үпөлдүн окшоштугун көрүп, Жантөрө адатынча бакылдап кирди:

- Кудагыйдын эжеси экөө абдан окшош тура, кудай эгиздерди өзү сүйүп жаратат экен да.

- Балдызды кээде өзүм дагы Үпөлдөн айрый албай калам, кийимдеринен эле тааныбаса кыйын, - деп күлдү Садыбакас.

- Ой бул жерде биз эмес биздин үйгө жаңыдан мүчө болуп кошулган Сейтекти кеп кылалы, буйруса кыркын чыгардык, уулубуз эки жакты карап кубаныч тартуулап отурат, - деп Үпөл конокторун тегерете карап, рюмкаларга коньяктан куюп жылдырды. - Манас атанын арбагы колдосун, Семетейдин руху жардам берип, чыгаан уулдан болсун деп Сейтек койдук, неберебиз үчүн алып койсок кантет?

- Туп-па-туура, Бакай атадай акылман, Лениндей кеменгер, азыркынын Чынгызындай атактуу адам болсун! - деп Гүлсана шакылдай рюмканы көтөрдү.

- Саке, бу аялдар бизге сөз бербейт го, кокус колдорунда бийлик болгондо экөөбүздү кабинеттин сыртына коюп коймок экен, - деп Жантөрө карсылдай күлгөндө Садыбакас:

- Чынында биз бар шакылдап жатышат, бизди жакшы кылган да, атыбызды чыгарган дагы ушулар, буларсыз көсөмүң да түбөлүккө аты калып дүйнөгө таркай алмак эмес, - деди баш ийкегилей. - Неберебиздин кубатына семирип турган кездери да байбичелердин. Сенде бир кыз, менде бир уул бар экен, ошолордун кубанычына биз тең ортокпуз да.

- Аның туура, Саке.

- Эмесе Сейтегибиздин жаны аман болсун, ата арбак жар болуп, келечекте Сайкалдай кызга туш болуп бактылуу өмүр сүрсүн!

- Туулганына эмес, турганына кубаналы, куда, - деп Гүлсана Садыбакасты карады. - Ушу Айзадабыз көрүнгөндө кандай кубансак дал ошондой кубанып отурам.

- Ооба десең, бала жаның-каның менен бир болот эмеспи, Артыктан Аруужан беш жашка кичүү, жалгыз болуп калабы деп коркуп жүрүп, кызымды төрөгөндө көңүлүм тына түшкөн.

- Эмнеси болсо дагы ушу жамандар аман болсунчу, - дешип түнгө чейин бака-шака түшүп отуруп, анан үйлөрүнө кайтышты. Жантөрө жолдо баратып аялын карады:

- Байбиче, кызыңдын жүзүндө бактылуулуктун изи жок да?

- Жаш төрөп кыйналып тургандыкы болсо керек.

- Жо-ок, сен эчтеке байкабапсың, Артык экөөнүн ортосунда бир келишпестик бардай.

- Кантип эле…

- Эми байкай жүр, баягы азоо аттай ээлигип эркелеп турчу кызыңдын көздөрүндө бир сыр бар, биз балдарды зордоп кошуп коюп экөөнү тең бактысыз кылбадык бекен? - деп Жантөрө ойлуу рулду бурай сүйлөдү. - Артык ансыз дагы үйлөнбөйм деп жүрүп, аргасыз үйлөнгөнүн билесиң да.

- Ооба, бирок азыр жакшы эле.

- Эне деген кыраакы болбойбу, кызыңдын көздөрүнөн, кыймыл-аракетинен эле байкасаң.

- Аракет кылайынчы, капырай мен эчтеке байкабаптырмын, эми балалуу да болуп калышты, баары жакшы болуп кетээр. - Гүлсана зыңгырай отуруп калды. "Мен энемин го, неге кызымдын кандай абалда экенин байкабадым экен, бактылуу жашап жатат деп ойлоп эле жүрбөйүнбү. Жантөрө туура айтат, мен эне болуп туруп байкабаганымда кара", - деп ойлонуп отурганча үйүнө келип калышты. Үйүндө Гүлсананын аталаш эжеси жүрчү, ал күйөөдөн төрөбөгөнү үчүн чыгып, Айзаданы багып чоңойтуп бирге туруп калган. Ал машинанын үнү чыкканда эле туруп, эшикти ачты.

- Келип калдыңарбы, уулу чоңоюп жатыптырбы?

- Кудайга шүгүр, чоңоюп калыптыр, уктай элексизби?

- Кайдан, силерди күтүп отурдум.

- Жарыктык, эс ала берсеңиз болмок, эшик ачып отурбай эле, - деп койду Жантөрө.

- Оо кокуй күн десе, жаш өткөндө кайдагы уйку?

- Ошентсе да…

- Айзадама мен дагы бир барып келсем болот эле.

- Бир күнү өзү келет, эже.

- Ага чейин наристесин көрбөй кантип чыдайм, ботом?

- Чоңойо берсе көрөсүз да.

- Мейли, аман болсун.

Жантөрө уктоочу бөлмөгө кирип кетти, Гүлсана эжесине алып келгендеринен ооз тийгизип, экөө бир аз сүйлөшүп отуруп, анан жатышты. Гүлсана түйшөлүп уктай албай жата берди. "Айзада оюн ачык айтып көнгөн, кокус жаман мамиле болсо мага айтмак эле, Артык деле андай жигит эмес, Айзадага кордук көрсөтө койбос, түшүнүктүү, билимдүү эмеспи", - деп өзүн соорото уйкуга кирди.

Артык балалуу болгондо деле муздак бойдон калды, баланы жакшы көрөт, жумуштан келээри менен көтөрүп алып жүрө берет. "Беш жыл өттү, Кызжибек эмдигиче турмушка чыккандыр. Кайда болду экен, ушул бойдон көрбөй өтүп кетемби? Жо-ок, мен аны табам, жок дегенде бир жолугушум керек", - деп ойлонуп ошол жайда жумушунан үч күнгө суранып, көлгө барды. Көл жээги баягыдай эле толкунуна не деген сырларды ката шарпылдап жээкке урунат. Эс алгандардын көңүлдөрү куунак, сууга түшүп, кайрадан ысык кумга жата калып кактанып ызы-чуу. Ар кайсы жерде жаш балдардын үндөрү. Көл жээктей басып жүрдү, ошол убакта негедир Кызжибек менен таанышкан күнү эсине түшүп, кадимкидей кимдир бирөө жардамга чакыргандай болду. Эки жагын элеңдей карап туруп калганда ары жакта ары-бери жүгүрүп жүргөн элди байкады. Бир кезде караса бирөө суналган бирөөнү көтөрүп чыгып келе жатат. Көрсө он жашар кыз толкун менен бирге кетип калып, зорго алып чыгышкан экен. Улутунуп алды: "Эми ал күн кайрылып келбейт, Кызжибекти көрө албайм го, неге тагдыр адамга катаалдык кылат? Өмүрдү текке өткөрүп, өкүнүч менен өткөн жашоодо ким өзүн бактылуумун десин", - деп ары-бери басып жүрө берди. Эки күн турду, бирок баардык мүнөттөрү көңүлсүз өтүп, үчүнчү күнү кайра тартты.

- Кайда жүрдүң? - деди Айзада ал кирээри менен.

- Жумуш.

- Жумуш-жумуш дейсиң, көрүнгөндөн кордолгон Кызжибекти али да унуталбай издеп жүргөнүңдү билбейт дейсиңби?

- Айзада, менин кимди издеп, кимди ойлоп жүргөнүмдү эмне кыласың, сенин эриңминби, эриңмин, башка эмне керек деги сага? - Артык аялын ачуусу келе карады. - Үйгө келсем тажатма сурооң менен жинди кыла турган болдуң.

- Мен сенден мени мен сүйгөндөй сүйүшүңдү каалайм!

- Сүйүү… сүйүү деген жомок, болбогон нерсе, сени менен үй-бүлө болуп жашап жатканымдын өзү дагы жетет, менден башка нерсени күтпө.

- Анда ажырашалы.

- Каалаганыңдай болсун, жашагың келбесе өзүң бил.

- Сага баары бирби?

- Сени зордоп жашата албайм.

- Демек баарына кайылсың.

- Арга канча.

- Сенден көрө селсаякка күйөөгө тийсем болмок.

- Эми да кеч эмес.

- Эмнеге мынчалык кара өзгөйсүң, Артык? - Айзада ызалуу карады. - Неге жок дегенде бир жолу көз карашыңды өзгөртө албайсың, менин башкадан эмнем кем, мен дагы сүйүүгө, сүйдүрүүгө акым бар го?

- Ооба, акың бар, аракет кылсаң болот, кудай жалгагыр, сени менен болбогон нерсени талкуулаганга убактым жок, бирдемең болсо берчи, же көчөдөн тамактанайынбы? - Артык ордунан туруп, костюмун илгичтен алып кийди да, чыгып кетмек болду эле Айзаданын үнү токтотту:

- Тамак даяр.

- Бая эле ошентпейт белең? - деп көңүлсүз ашканага кирди. Айзада тамак куюп алдына койду, көздөрү жаштуу, кийинки күндөрү ал өз кылганына өкүнүп жүргөн. "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген туура экен да, акылмандар өткөн экен, адам баласы азапты өзүнө-өзү таап алат тура, жаңылган экенмин, буга менин өжөрлүгүм, өзүм билемдигим күнөөлүү", - деп ичтен сыза баланын ыйлаган үнүн угуп, ички бөлмөгө кирип кетти. Артык тамагын ичип бүткөн соң уулу жаткан бөлмөгө кирди, бала эмизип отурган Айзада ыйлаганын көргөзгүсү келбей ылдый карады.

- Келе, уулумду берчи, - деп Артык эки колун сунду.

- Тойгузуп койойун.

- Жарайт, мен тигил бөлмөдө болом, - деп күйөөсү чыгып кетти. Айзада буулугуп ыйлап өңгөчүн тартып алды. "Неге мени сүйбөйт, жадагалса бир көңүл бурайын деп ойлобойт, неге тагдырымды буга байлап алдым, эркин өскөн куш элем, канатымды кайрып алдым. Мени сүйгөндөр жок эмес эле го, эмнеге өзүңдү сүйгөнгө турмушка чык, өзүң сүйсөң жоопсуз сүйүүнүн азабын тартасың дегендердин сөзүн укпадым экен, аттиң, өз убалым өзүмө", - деп арман кыла боздоп отурду. Үч айдан өтүп калган Сейтек бубулап энесинин эмчегин мыжыга кармап улам соруп, кайра оозунан чыгарып ойноп жатты. Баланын кубанычы эбедейин эзе эңкейип өөп алды. Тамчы жашы наристенин бетине тамып кеткенде селт этип кетти, наристе болсо да энесинин ички арманын сезди белем, жарк эте күлүп, башын көкүрөгүнө катты…

Артык жалгызсырап көлгө барып кайткан күнү Кызжибек ошол жерде болду, алардын унаалары карама-каршы өтүп кетти. Ал адегенде атасына учурашканы кайрылып, ала келген белек-бечкегин таксиден түшүрдү.

- Оо садагаң кетейин, менин Жибегим келген тура, - деп Кубатбек утурлай кулачын жайып жете келди. - Кандай, кызым, жакшы жүрөсүңбү, кагылайын? - Экөө кучакташып калды.

- Ата, денсоолугуңуз кандай?

- Жакшы, кызым, апаң жатабы, балдардан ала келбейт белең?

- Жумушум бар, ата, түз келсем ала келет элем.

- Чоңоюп калыштыбы?

- Ооба, чоңоюп жатат. - Ошол убакта Нурзада үйдөн чыга калды, анын ичи билинип калыптыр. Кызжибек улутунуп алды да, атасынан бөлүнө ага карай басты. - Саламатсызбы?

- Саламатчылык, келе гой, - деп Кызжибекти эңкейе өөп койду. - Балдарың чоңоюп жатабы?

- Жакшы, чоңоюп калды.

- Кир, кире гой үйгө.

- Рахмат, - деп Кызжибек өгөй энесинин артынан үйгө кирди. Бала кезден өскөн үйү, өткөн бактылуу күндөрү көз алдына келди, заматта өңү өзгөрө түштү, ушул өзүнөн беш алты жаш эле улуу келинди жек көрүп кетти. Негедир ал бактылуу кезин атайлап уурдап алгандай сезди, бирок андай эмес экенин өз туйуму менен билип тургандыктан жаман ойду өзүнөн алыс кубалады. "Мен гана күнөөлүүмүн, эгер менин боюма болуп калбаганда апам өзү кетмек эмес, мени элге уят кылбайын деп намыс үчүн ушуга барды. Мен неге Артыктын тилин алдым, бейтааныш адамдын чакырыгына эмнеге чыгам, акылсызмын мен", - деп оор улутунуп төргө отурду.

- Нурзада, бир козу сойолу, кызымдын келишине.

- Өзүңөр билгиле, мен кайдан билем.

- Тиги Орунбекти чакыра койойун, сойо койсун, - деп Кубатбек тура жөнөдү.

- Сиз врачка көрүнүп жатасызбы? - Кызжибек Нурзадага кайрылды.

- Жок, уялып жүрөм.

- Эмнеден?

- Көрүнгөндөн.

- Ушунча болгондон кийин уялганда эмне, өзүңүз үчүн да жакшы эмеспи, - деп Кызжибек өгөй энесин көңүл бура карады, ак саргылынан келген узун бойлуу, кой көздүү келин андан тартынып тургандай сезилди.

- Билбейм.

- Атам азыр жаш эле, сиз уялгыдай картаң деле эмес.

- Ошондой дечи…

- Макул эми, мени кечириңиз, сизди эмне деп аташым керек?

- Жеңе дей берсең болот го?

- Макул, - деп отуруп калды. Кубатбек арыдан-бери козусун сойдуруп, казанга асып койду.

- Кызым, балдарды сагынып кеттим, мындан ары келсең ала келип жүрчү, - деди отургандан кийин.

- Эмки келгенде ала келем, ата, эртең бир жумуштарымды бүтүрүп алайын, эки күндөн кийин кетем.

- Макул, кызым, аман болсоңор болду, апаң жакшы жүрөбү?

- Жакшы, неберелерин багып жүрөт, баары жакшы.

- Айланайын десе, жакшы жүрсөңөр эле болду, биз болсо ушу, жатабыз эптеп-септеп. - Кубатбек алакан жая аялын карады. - Ойлобогондой иш болду, кызым, апаңа эки дүйнөдө ыраазымын, - деп тунжурай түштү.

- Апам сизди ойлоду да, ата, - деди Кызжибек жер карай.

- Ооба, акылдуу аял апаң, кырк жылдай жакшы жашадык, сени көрдүк….

- Ойлонбоңуз, ата, - Кызжибек жайкай сүйлөдү. Нурзада эч нерсе дебеди, тамак-ашын алып келип кирип-чыгып жүрдү. Кызжибек аны биресе аяса, биресе боору ооруду. "Бул дагы турмушунан кейигендир, жашоодон көңүлү калгандыр, аргасыз атама тийгендир", - деп ойлонуп отуруп калды. Козунун эти бышып алдыга келгенден кийин тамактанып болуп, эс алууга жатып калышты. Эртеси эрте туруп Кызжибек көл жээгине жөнөдү, эл анча чыга элек, көл жээгине келип, ойлуу басып жүрдү. "Мен бактымды таптым деген элем ошол кезде, бирок тентек элем, жээктеги толкун сымал ойноок элем, тилегимди таш каптырган тагдырым мени талкалап кетти. Мен эми эки балам үчүн гана жашоого акылуумун, аларды адам кылып өстүрүшүм керек". Ошол убакта анын жанына бир адам басып келди.

- Чоң кыз, салам айттык.

- Саламыңызга алик.

- Ойлуусуз, көл жээгинде жоготконуң бар беле?

- Ооба, салкын жел жоготтум, саамайымды сылачу мээримдүү адам жоготтум.

- Өкүнүчтүү, мен дагы андай учурга кез болгомун, - деп тигил адам жылмайып койду. - Менин атым Беккул.

- Меники Кызжибек.

- Оо, Төлөгөнүңдү таппай жаткансың го?

- Ошондой, издеген менен пайда жок, - деп Кызжибек улутунуп алды.

- Капаланба, сендей сулууга кабак бүркөгөн жарашпайт.

- Башка келсе көз тартат деген ошол.

- Мен дагы жалгызмын…

- Үй-бүлөңүз эмне болду эле?

- Аялым өлүп калган, эки жыл болду.

- Жаман болгон экен, балдарыңыз бардыр.

- Ооба, төрт бала бар, улуусу он бешке чыкты.

- Жаш калган экен.

- Ооба, тагдыр экен да, өзүңдүн үй-бүлөң барбы?

- Бойдокмун, тээ өткөн күндү кез-кезде келип эстемей адатка айланды, - деди ойлуу көл жээгинен көзүн албай. - Анда он алты жашта элем, жыйырма үчкө чыктым, сексендеги кемпирдей өмүрдөн тажап бараткансыйм. - Кызжибек бул бир эле көргөн адамга көптөн берки таанышындай болгон сырын жашырбай айтып жатканына өзү таңгалды, бирок баары бир көңүл көйгөйүн, көкүрөк өйүгөн ички бугун кимдир бирөөгө айтпаса жарылып кетчүдөй болуп турган эле.

- Кызжибек, кай жердин кызы болосуң?

- Ушул айылданмын.

- Жакшы, көлдүн кызы экенсиң да?

- Ооба.

- Мен Таластанмын, биерде эс алып да, дарыланып да жатам.

- Эмне, ооруйсузбу?

- Ооба, жүрөгүмдө дарт бар дешет врачтар.

- Жакшы болуп кетиңиз.

- Рахмат, күндө келесиңби?

- Жок, шаарда турам, бүрсүгүнү кетем.

- Ата-энең бул жактабы?

- Ооба, жылда дал ушул күнү, ушул кезде келип турам.

- Мен дагы шаарда турам, телефон барбы?

- Үйдүкүн бере албайм го?

- Неге, кайда иштейсиң?

- Фабрикада.

- Кайсы?

- Камвольныйда.

- Анда жолугушат экенбиз, - деп жылмайды Беккул.

Экөө эки-үч саат бою жээкте басып жүрдү, ар кандай сөздөр сүйлөндү. Кызжибек Беккулду улам жал-жал карап койот, ал дагы аны карап коюп басып жүрдү. Көл жээги эми гана жан киргендей бака-шака түшүп, эл ар кайсы жерде, чатырын тигип алып бирөөлөр жатса, кээси купальникчен жүгүрүп көлгө түшүп, кайра чыгып кубалашкан жаштар. Күн чак түш болду, эртең менен эч нерсе ичпей чыккан Кызжибек кардынын ачканын сезди. Аңгыча Беккул:

- Кызжибек, тамактанып албайлыбы? - деп калды.

- Жок-жок, мен үйгө эле барам, сиз түштөнө бериңиз.

- Суранам, сөзүмдү кайрыба, Кызжибек, кана кеттикпи? - деп жылмая карады.

- Көңүлүңүз калбасын, - деп Кызжибек да жооп кыла жылмайды. Катарлаш баскан экөө пансионаттын ашканасына кирип тамактанышты. Кызжибек абдан эле ойлуу, анын кусалуу көздөрү ашкана ичиндегилерди тегиз карап чыкты, көзгө жылуу караан көрүнбөдү. "Макул, көрбөсөм да эсимде жүрсө болгону, унуталбай жашым өткөнчө көл жээгинен аны издеп жүрүп өтөөрмүн. Ага жолукканда не, анын азыр үй-бүлөсү бардыр, балалуу да болгондур, тынч жашоосун бузбай өз жайына койгонум дурус. Мен эми бакытты элестете да албай калдым, балдарымды жакшы тарбиялап, татыктуу эне болсом бактым ошол", - деп кашыкты кармаган бойдон телмирип отурганда Беккул анын оюн бузуп жиберди:

- Кызжибек, эмнени ойлонуп жатасың?

- Аа-а, эч нерсе…

- Катуу ойлонуп кеттиң.

- Жок-жок.

- Тамактан ал, муздап калат.

- Рахмат. - Кызжибек тамакты көңүлсүз иче баштады. Алар ашканадан көптө чыгышты, түш ооп бараткан. Беккул экөө кайрадан көл жээгине жөнөштү. - Сиз бөлмөңүзгө кирип, эс алууңуз керек беле, күн ысып кетти, анын үстүнө дарыланып жатам дегендей болдуңуз эле.

- Ооба, укол токтогон, дарыны кечинде ичем, көл жээги ансыз да салкын, сиз менен бирге болгум келип турат.

- Мен өзү жалгыздыкты сүйөм, көңүл калтыруу оңой, калган көңүлдүн жылышы кыйын, мага ушунча көңүл бөлгөнүңүзгө рахмат.

- Эмне, кет дегени турасыңбы, Кызжибек?

- Жо-ок, жалгыз болгум келгенин билдиргеним го? - Кызжибек тээ көгүлтүр көлдүн үстүн карады, жылт-жулт этип көл үстү алтын түскө оронуп күнгө чагылышып, бир ажайып көрүнөт. "Аттиң, ошондо ушул, касиеттүү көл, өз койнуңа катып алганыңда болбойт беле. Алтын балыктарың менен бирге сүзүп, эч нерседен капарсыз гана жээгиңде толкун менен ойноп түбөлүк кала бермекмин. Анда Артыкты да таанымак эмесмин, жүрөгүмдө кайгы-капанын изи жок наристедей таза бойдон жомокко айланмакмын. Мына минтип бир адамдын атын ыйык тутуп, азап чеккенче көлдүн белгисиз ээси болмокмун. Мен адамдарга эч качан жамандык каалабайт элем, бири-бирин жактырган жаштарды таттуулаштырып түбөлүк бири-биринен ажырабай турган кылмакмын. Неге, неге ошондо чөгүп кетпедим?" - деп бир ордунда жылбай ойлонуп тура берди. Беккул дагы көлдү тиктеп сүйлөп жатты, Кызжибек анын бир да сөзүн уккан жок, өз ойлору менен алек. Тиги анысын байкаган жок:

- Ошентип мен дагы бир кезде ушул көл жээгинен сулуу кыз менен таанышып калып, абдан ынак болуп кеттик, кийин аны бир жигит ала качып кетиптир. Ошол бойдон бир жылда бир жолу келем да көл жээгинен бир элести издеп кетем, - деп Кызжибекти карады. - Бу сүйүү деген жөнөкөй эле оору болсо керек, кандай дейсиң?

- Ыя, эмне дедиңиз? - Кызжибек ыңгайсыздана жалт карады.

- Сен эч нерсе укпапсың да, жолтоо болуп кыжырыңа тийдим окшойт, - деп Беккул өзүн жаман сезип кетти.

- Жо-жо-ок, мен байкабай калдым окшойт, айта бериңиз, кулагым сизде, - деди келин жайдары боло түшүп.

- Мен сүйүү жөнүндө айткым келген эле, бул жомокто жашап келген өңдүү эле оору болсо керек деп сурагым келген.

- Эмнеге андай ойлойсуз?

- Анткени, сүйүп көргөндөрдү жүрөк башындагы муштумдай дарты өмүр бою эзип келет, алар бири-бирине жетпей калганына арман кылышат. Сүйүүнү билбегендер туш келгенине үйлөнүп, мамыры-жумуру болуп эле жашап ой-санаасыз, оору-сыркоосуз өтүшөт экен.

- Балким, - деди келин мойнун койкойто бери бурулуп. - Сиз дагы сүйдүңүз беле?

- Ка-ап ай-я, баятан бери эмнени айтып жаттым, сен жөн эле көл түбүнө чумкуп жүргөнсүң го мен сүйлөп жатканда, - деди кызыктай абалда. - Мен сени угуп жаткан экен дегем.

- Кечиресиз, кээде оюмдун баары башка жакта болуп жанымдагылардын сөзүн укпай калмайым бар.

- Мына көрдүңбү, сен бир кездеги жигитиңди эстеп жатасың, эңсеп-сагынасың, түбөлүк бир болсом деп кыялданасың, бирок анын баары кыял гана болуп кала берет, ошондуктан сүйүү деген ооруга кабылуудан этият болуу керек.

- Мен кетейин, мени зериктирбей шерик болгонуңузга рахмат, жакшы болуп кетиңиз, - деп Кызжибек күтүүсүздөн эле тык токтой калып шашыла айтты. - Жакшы туруңуз.

- Кызжибек, күн али эрте, бир аз отуралы, көлгө түшөлү.

- Жок-жок, менин кетишим керек, - деди да, ылдамдай басып жөнөгөндө Беккул ага жетип, карыдан алды.

- Жок дегенде жайыраак коштошсоң боло?

- Шашылыш шаарга жөнөшүм керек.

- Ошентсе деле.

- Жакшы калыңыз.

- Эмесе болуптур, Кызжибек, буйруса шаарга барганда ишканаңарга өзүм барам, жакшы жетип ал.

- Рахмат, өзүңүз дагы, - деген бойдон бирөө кубалагандай тез-тез басып жөнөдү. Беккул баш чайкаган бойдон кала берди. Шашылыш келген Кызжибек сумкаларын алды да, кетмек болгонун айтканда Кубатбек кейип калды.

- Келип эле кетем дегениң эмнең, кызым, бир-эки күн туруп кетсең болбойбу? Бул сумкаларды өзүм жеткирип берем, ат токулуу турат, - деп Кубатбек козунун этин, сары май, сүзмө салынган чоң мүшөктү аялы экөөлөп атка артып, кошо жөнөдү.

- Ата, мынча эмне жүк?

- Кечээги козунун эти, май, сүзмө, кызым, балдар жол карап калбайбы, буйруса эмки жазда бир барып келем. - Кубатбек аялым төрөгөн соң деп айткандан жазганды.

- Ата, барбасаңыз дагы, бербесеңиз дагы денсоолукта эле жүрө бериңиз, аман жүрүңүзчү деги. - Кызжибек тез эле автобус каттачу аялдамага жетип, жүгүн салып атасы менен коштошуп жөнөп кетти. Ал көл жээгинен күтүүсүз шашкан себеби, анда Артыктын каты али катылуу, анда кабинетинин телефон номери бар эле, ыйлап-сыктап жүрүп аны таптакыр унуткан экен, эсине түшө калганда шашып жөнөгөнү ошондон болчу. Түнкү он экиде үйүнө келди, эбак уктап калган Шааркан эшик ачып:

- Келдиңби? - деди ары жыла.

- Келдим, апа, балдар жүрөбү?

- Жүрөт, сен түндө жол жүрбөй эле эртең менен чыкпайт белең.

- Ошондой болуп калды, чарчадым, - деп өз бөлмөсүнө кирип кийим алмаштырып, анан кайра чыкты. - Балдар уктап калдыбы?

- Эбак уктаган, Бакберген өтө шок болуп баратат, керээли кечке күзөтүп артында жүрөм.

- Эмне кылайын, апа, атама берип койолубу?

- Койсоңчу, аялы эмне дейт?

- Атам балдарды сагындым деп жатпайбы, ушу баланы өзүм дагы жакшы көрбөйм, апа, эптеп бир жакка жоготчу, - деп Кызжибек айтканда Шааркан коркуп кетти.

- Ок, ал эмне дегениң, кызым, баланы кусур кылба.

- Анан эмне кылам?

- Эсиң менен бол, балам, эмдиги жылы мектепке барат, токтолуп калат, бирдеме ичесиңби?

- Жок, кардым ток, жатып эс алалыбы?

- Макул, каралдым, көп ойлоно бербе, бала деген аялдын бактысы, садага, мына мени көрүп турасың го, ушу баланын айынан картайганда сени менен кетүүгө аргасыз болдум го? - Эненин үнүн каргылдана түштү. - Бала деп жашайт эне, кыз баланы жоктон көрө жогору деп койот, эркек адамдын кубаты, жер ээси, тукум улантуучу.

- Менин ошону үчүн атама керегим болбогон экен да.

- Андай деле эмес, атаң сени жанынан артык көрөт, буга мен күнөөлүүмүн, өктөө-доосу болбосун дедим, өкүнүчү болбосун дедим да, кызым.

- А бул балдар кимдин тукумун уламак эле, аталарын билбей чоңоюшса, Бакдөөлөт жөнүндө атасы билип коюну да ойлогон жок.

- Сен үчүн керек бу балдар, бала бакыт, жок болсо арман, өкүнүч, - деди Шааркан.

- Жарайт, апа, эртең жумушка барам, эс алайын, - деп Кызжибек өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Каралдым ай, жаш жүрөгүңдү жаралаган кан кускур жакшылык көрбөсүн да-а, кантейин эми, аргам жогунан отурам…

Таң атаары менен Кызжибек жумушуна келди, ал келгенде жумуштагылар тыпырап горкомдон комиссия келет экен, жумушчуларга сыйлык тапшырат экен дешип жатышты.

- Женя, эки жылдан бери ардак тактадан түшпөй калдың, сени сыйлыкка илип коюшкандыр, - деди жип ийрүүчү Галя деген орус кыз. - Чынында эмгекчилсиң.

- Сыйлык үчүн эмес өзүм үчүн иштейм, Галя, мага адам гана керек, мына сенин адамгерчилигиң абдан жакшы. Биз кыргыздар бири-бирибизди көрө албай ушакташып, артынан эптеп эле бир кынтык табууга далбастаган калкпыз, а сенин жан дүйнөң таптаза, арам оюң жок, туурабы?

- Билбейм, менин оюмча чыныгы эмгекчилди гана тандаса деп ойлойм, сенин дагы ичиңде арамдык жок, жаш баладай кыялкечсиң, ишти эт-бетиңден түшө калып аткарасың, демек сыйлыкка татыктуусуң, - деп Галя жылмайып койду. - Андан көрө өзүңдү кара, чоңдордун бойдогу болсо көзүңдү кысып жашоо жылдызыңды таап алышың мүмкүн, - деди күлүп.

- Кайдагыны айтпачы, Галя, бир эмес эки балам турганда кайдагы жашоо жылдызы? - Кызжибек көзүн жумуп ийди.

- Сен энеси өбө элек кыздайсың, дилиң наристеникиндей таптаза, супсулуу кызсың, жогортон келгендер бүгүн дүңгүрөткөн музыка менен сага сыйлык тапшырганын элестетип жатам, - деп Галя алакан чаба кубанычтуу күлүп жатканда дагы бир келин алардын жанына келди.

- Эмнени айтып эле кубанып жатасыңар?

- Өзүбүзчө сөз.

- Жашырбай эле койгула, бүгүнкү сыйлык жөнүндө го калп айтпасам, - деп Надира купшуңдай күлүп койду. Ошол маалда:

- Залга киргиле, чогулуш башталат! - деп ары жактан бирөө кыйкырып калды.

- Жүргүлө, кыздар, орун алалы, - деп ызы-чуу боло станокторун таштай залга жөнөштү. Топураган эл орун алып зал ичи гүрү-гүү болуп жатканда зыңкыя кийинген үч-төрт адам, эки келин болуп кирип келишти. Комбинаттын директору элге карай сөз баштады:

- Жолдоштор, бүгүн бизге шаардык исполкомдун экинчи секретары биздин жумушчулардын алдыңкыларына сыйлык тапшырмакчы, анда сөз жолдош Артык Садыбакасовичте, - дегенде зал ичи кол чабуудан дүргүп чыкты. Жанатан бери Артыкты көрүп эле чыгып кете албай аргасыз муундары калчылдап отурган Кызжибек атын укканда астыда отурган адамдын далдоосунан мойнун созо акырын карап алып, кайрадан көздөрүндөгү жашын жан адамга көрсөтпөөгө тырыша ылдый карап отуруп калды. Ал канча убакытка дел болуп отурганын, Артыктын жана башкалардын эмне деп сүйлөгөнүн да укпады, кулагы керең адамча отура берди. Бир кезде жанындагынын:

- Эй турбайсыңбы сени чакырып жатат, айтпадым беле? - деген нукуганынан улам жанын караса Галя. - Бол эми, күтүп калышты.

Ушул кезде Кызжибектин атын окуп алып, Артык да өзүн жаман сезип элдин ичин карап жаткан. "Кай жеринен чыгаар экен, балким мени көрүп качып кетип калгандыр. Кана, Кызжибек, чыксаңчы тезирээк", - деп кагаз кармаган колдору калчылдап күтүп жатты. Бир кезде директор:

- Кубатбекова Кызжибек барбы? - дегенде Кызжибек ордунан турду. - Кел, Кызжибек, эмнеге турасың?

- Апкаарып жатат, - деди залдагы эркектердин бири.

- Өзүн сыйлык алууга татыктуу деп эсептебейт окшойт! - деген үндөр аны кайратына киргизди. Жоолугун оңдоп, костюмун түзөй алдыга басып секичеге чыга келди. Кызжибектин көзүнө эч нерсе көрүнбөдү, кулагына сөз кирбеди, колуна алган грамота менен акчаны кармаган бойдон оозуна сөз кирбей тепкичтен түшүп сыртты көздөй жөнөдү. Аны байкагандар таңгалып: "Бул эмне сыйлык алганды жактырбайбы, кызык экен, жинди болгон эмедей дел болуп калды го", - дешип бири-бирин түрткүлөп шыбырашып калышты. Анын залдан чыгып кеткенин көргөн Артык да өзүнчө беймазаланып отура албай эртерээк эле чогулуштун бүтүшүн каалады. Канча жылдан бери зарыгып таппай жүргөн адамы кадам эле жерде жүргөнүн көргөндө жаны төрт чарчы болуп кыжаалат болуп турду. Анын бул абалын сезген Гуля ичинен тына шефинен көзүн албай: "Бул аялды эмнеге эси оогуча карады, мында бир иш бар", - деп отурганда Артык шашылыш иштери барын айтып жөнөп баратып Гуляга:

- Сен кабинетте бол, бүгүн болбойт дегин, - деди да, залдан чыгып кетти.

- Жарайт, Артык Садыбакасович, - деп Гуля кагаздарын жыйнап артынан чыкты. Кызжибек сыртка чыгып өзүнүн иш ордуна келип, ыйлап отурганда жанына оператор келди.

- Жибек, сага эмне болду? Залдагы элдин баары сага жаман таңгалышты, сенин жакшы иштегениңди баалап, эмкиде аялдар советине көргөзгөнү жатса кубанбаганың кандай?

- Эркин, мени өз жайыма койчу.

- Болуптур эми, неден көңүлүң бузулганын билсем кудай бар, - деп Эркин өзүнүн ордуна басып кетти. Аңгыча чогулушка катышкандар баары батырап кирип келишти. Кызжибектен башка дагы төртөө грамота алып, жүз, жүз элүү сомдон сыйлык алышкан. Бири-бирин куттуктап жатышты.

- Эмкиде кезектегилердин кээсине үй берет экен, уктуңарбы?

- Ой, жакшы болот эле.

- Буйруса үйлүү болот экенбиз да, директорго көрүнө тургандай иштешибиз керек, - деп өз-өздөрүнчө бакылдап жатышты. Кызжибек жумуш бүтөөрү менен чыкты да, эки күн мурун Артыктын мурунку жумушуна чалганын, аны башка кызматка которулуп кетти дешкенин эстеди. "Эми горкомдо иштейт тура, ал менин дарегимди билди, эми өзү келет", - деп сумкасын карысына иле такалуу туфлисин тыкылдата аялдаманы көздөй кетип жатты. Ал ошол күнү негедир үмүттүн шооласы алды жагынан жарык чачып көңүлү бир жаңсыл боло түшкөндөй эргип турду. "Баары бир жолугууга келет, балким ишиме, сырттан окуганга жардам берсе болду, үй-бүлөсүн бузбайм", - деп жан дүйнөсүнө канат бүткөндөй кыңылдап үйүнө келди.

- Апа, сиз келдиңизби, мен ойноп жатам, - деп Бакберген жетип келип кучактап калды.

- Апа, мен дагы ойнодум.

- Ойногула, мына сага момпосуй, Бакберген экөөңөр жегиле, - деп балдарына таттууларды берип үйгө кирди. - Апа, сүйүнчү! - деди жадырай.

- Болсун, садага, болсун, кандай сүйүнчү экен?

- Мен грамота менен сыйландым.

- Куттуктайм, балам, кудай зоболоңду көтөрсүн, кызым, - деп эне тура калып чакадагы суудан чыныга сузуп, - Ушуну менен бардык балээнин баары чыгып кетсин! - деп башынан айлантып чачып, чыныны көмөрүп койду. Анан кызын бооруна кысып, чачынан сылай чекесинен өптү. - Мындан ары кудай бактыңды ачып, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, кагылайын.

- Рахмат, апаке, - деп кичинекей ийинине илген сумкасынан кызыл баракчаны алып чыкты. - Мынакей, апа.

- Садага болоюнум десе, ылайым эл алдында жүр, зоболоң көтөрүлө берсин.

- Айтканыңыз келсин, апа, мен ойлогон деле эмесмин, сенин атың жүрөт деп мага бирөө айтканынан ишенген эмес элем, - деп Кызжибек грамотадан мурда жүрөгүндө издеп, кусаланып жүргөн адамына кезиккенине кубанып турганын апасы сезбеди. Өзү тамак жасап, эки уулу менен апасы болуп дасторкондо отурушту.

***

Карабек он алты жашынан түрмөгө отуруп, зым тордун ары жагындагылардын королуна чейин жеткен. Азыр ага керек болсо министрлер менен Кыргызстандын биринчи секретарына чейин көз каранды. Көзгө көрүнбөгөндөй болуп жашаган жери өзүнчө эле коргон, анын ичинде анын кол алдында өзүнө окшогон мурунку түрмөчүктөр иштешет. Далай кылмыштар жасалып, изи табылбай кетчү. Ошол Карабек Кызжибекти түндөп уурдап барып, зордуктап туруп таштап кеткенде мейманкананын башчысы билип турса да билбегендей болуп койду, бирок коркуп жүрдү. Карабек мейманканага келди дегенде ага жогортон телефон чалып коюшчу. Бул өлкө ичиндеги жашыруун иштердин королун көргөндөр чанда боло турган. Кээде шапке кийип алып жакасын көтөрүп, каардуу көздөрүн адамга кадаганда анын көзүнөн көздөр жалтанып, бир тобу титиреп кетчү. Ал эми кээде жөпжөнөкөй адам катары эл ичин аралап жүрүп, өз ишин тымызын аткарып койчу. Мадалбек деген айылдан келген жигитти ал өз кылтагына илди. Ал мындай болду. Бир күнү жогортон ага бир министрди өлтүрүүгө заказ келген эле. Карабек өз кишилерине астыртан дайындап коюп, иштин жүрүшүн сыртынан акмалап, машина менен келе жаткан. Жол боюнда бир топ жаштар кызыл-чеке болуп мушташып жаткан экен, аларды четтен байкап турса биринин мушташканы жагып калды. Мадалбек экөөнү эки жакка сулата коюп, өзү тротуар менен жөнөдү. Кызуу көрүнөт, колун ар жак-бер жакка булгалап сүйлөнүп, сөгүнүп, түкүрүнүп кетип баратат. Карабек машинесин жолдун жээги менен айдап барып токтотту да:

- Жигит, сүйлөшсөк болобу? - деди.

- Эмнени? - деп олбурлуу денеси менен бурула элейе карап туруп калды.

- Бери кел, - деди эле ал басып келди. - Отур машинага. - Мадалбек арткы салонго отуруп, бейтааныш адамды карады. - Кайда иштейсиң, жигит?

- Кайдагы иш, дипломум жок бекерчимин.

- Менде жумуш бар, жакшы төлөйм.

- Кандай иш?

- Сенин колуңдан келет.

- Андай болсо макулмун, - деди Мадалбек шар эле.

- Ысмың ким?

- Мадалбек.

- Менин атым Каражал, - дегенде Мадалбек чочуй бир селт этип алып унчукпай калды. - Ишти жакшы аткарсаң айлык акың жакшы болот.

- Жарайт, колумдан келгенин жасайм, а-аа айлык акым орточо канча болот, эгерде жашыруун болбосо?

- Үч жүз-төрт жүз.

- Оо, мындай айлыкты совхоздун директору алат деп уккамын.

- Эмесе кеттик, - деп Карабек машинесин айдап жөнөдү. Чоң коргондун оозуна келип токтогондо дарбазаны бирөө ачты эле ичкери кирип барып токтоду. Заңгыраган үйдүн жертөлөсүнө арткы эшиктен киришти, Карабек баратканда эле эшиктерин ачып даярдап турушат. Шарак-шарак этип ачылган төрт-беш эшиктен өтүп, алдыдагы креслого отурду. Анан Мадалбекти көпкө көз айрыбай тиктеп туруп, отур дегендей ишарат кылды. Анан телефон чалаар замат бирөө кирди, кыязы тигил бөлмөдөн эле келген өңдүү.

- Чакырдыңызбы?

- Бу жигитке алдын ала аванс бер да жумушун түшүндүрүп коюп, кайра кир, - деп Мадалбекке кайрылды. - Мындан ары ушул жигит менен ишти бүтүрөсүң, айтканын аткарсаң баары жайында болот.

- Рахмат сизге, - деп Мадалбек тигинисин ээрчип бөлмөдөн чыгып кетти. Ал ошондо эмне жөнүндө сүйлөштү ким билет, күүгүмдө аны жашаган жерине жеткирип коюшту. Колуна эки жүз сом тийген Мадалбек бат эле аялына келди. - Мен бүгүн жакшы жумуш таптым, буйруса балдарымды эч нерседен кем кылбайм.

- Ошентсең кана, мен пол жууп алган алтымыш сомду эчтекеге жеткире албай жатам, - деди Лариса кубана.

- Менин алаар айлыгым жакшы, үй да алып калабыз, - деп барпалаңдай түшүп, кайра ойлонуп калды: "Бул жумуш опурталдуу экен, бирок айлыгы жакшы, иштей берейин, өзүм так иштесем болду да". Ошентип Мадалбек туугандарын, ата-энесин унутуп, күнү-түнү үйгө жолобой калды. Айлыгын алып балдарына алып келип берет да, кайда эмне кылып жүргөнүн айтпайт. Жыл айланбай үй алышты, ирденип мал-сал курап, балдары мектептен окуп калды. Бирок Ларисанын жүрөгүн бир нерсе өйүп туруп алды. Бир күнү түн катып келген күйөөсүнө:

- Мадалбек, сенден корком, эмне иш кыласың, кайда жүрүп жатасың, кеч боло электе ушул ишиңди таштасаңчы, - деди.

- Жок, эмнеге таштамак элем, коркпой эле кой.

- Эмнеге кээде түндөсү түшүнүксүз адамдар келет, деги кандай иште иштейсиң?

- Кам санаба, жөнөкөй адамдар болсок дагы министрче жашайбыз, балдарды чоң-чоң окууга окутабыз, - деп Мадалбек сөзүнө кулак какпай жатып алды.

Бир жолку сапарында анын "товарын" милициялар колго түшүрүп алып, өзү эптеп качып кетти. Ал товарлар үчүн Карабектин адамдары күндөп-түндөп Мадалбектин артынан түшүп калышкан. Кайра иштеп бергенге өзү болбой качып жүрдү. Үйүнө келбей жатты, эгер билинсе бала-чакасына зыяны тийээрин жакшы билет. Ошентип өзү дагы сүлдөрү качып, айыл тарапка барып нашаа топтоп жүргөндө Карабек мейманканага келип түнөгөн күнү Кызжибек пайда болгон эле. Ниети бурулуп өзү менен дайынсыз алып кетип калгысы келди, бирок көңүлү келбеди, анткени анын көңүлүн ачуучу кыздары бар эле. Жаш кыздын артынан бирөөлөр түшөөрүн, ээрчитип келген жигиттин ким экенин билип таштап койгон болчу.

Бир күнү жолдо ойноп жүргөн Бакбергенди көрүп Карабек:

- Жигит, атың ким? - деди колун суна.

- Бакберген, - деген баланын көздөрүнөн жалтана түштү. "Бул көздөрдү кайдан көрдүм эле?" - деп ойлой каны дүргүп чыкты.

- Атаң ким?

- Атам жок.

- Апаңчы?

- Жумушта, - деди бала.

- Кайда жашайсыңар?

- Бул үйдө.

- Апаң экөөң эле жашайсыңарбы?

- Жок, тайнем, бөбөгүм бар.

- Азамат жигит экенсиң, мына буга момпосуй алып же, - деп Бакбергенге беш жүз сом берди эле ал:

- Албайм, апам чоочун адамдан эчтеке алба деген, - деп такылдады. Карабек баланы тигиле карап ойго бата туруп калды: "Көздөрү тирүү, кыйын чыга турган бала экен, атасы эмне болгон, кимдин баласы, неге мен буга боор тартып калдым? Бул бала деги мага кандайча жагып калды? Ушул жашка келип бала жытын искей элекмин, мени билген аял аргамжы бою качат го", - деп саамга тунжурай түштү.

- Беку байке, тайнем чакырып жатат! - деп Бакдөөлөт ары жактан жүгүрүп келе жатканда оюнан адашып кетти, аны көрүп экөөнүн бири-бирине окшобогонун дароо байкады.

- Апам келдиби? - Бакберген сурап койду. - Карачы, менде акча бар.

- Ким берди?

- Бир байке, - деп Бакберген эки жагын карап эмелеки кишини таппай калды, Карабек ары жакка жашынып калган.

Ошол убакта кабат үйдүн жанына машина токтоп, андан Кызжибек түштү, аны ишканадан атайын карап туруп, Артык жолугуп жеткирип келген эле. Кызжибекти көрө коюп, эки бала жүгүрүп жетишти.

- Атсало-ому алейкум, жигиттер! - деп Артык экөөнө эңкейе колун сунду.

- Саламатсызбы?

- Саламатсызбы, байке? - деп экөө колун берип эдиреңдей туруп калышты.

- Силерди үйдөн чыкпагыла дебедим беле, кандай укпайсыңар? - Кызжибек балдарына кабак чытый карады. - Апам жалгыз калдыбы?

- Азыр үйгө киребиз, апа, - деп Бакберген чакылдады.

- Бар, бара бергиле.

- Сиз качан киресиз? - Бакдөөлөт апасын карады.

- Азыр. - Экөө жүгүрүп кирип кетишти. Берите карап турган Карабек олбурлуу жигитти дароо тааныды, Кызжибек бир аз өзгөрүп, жоолук салынып алганга тааный албай турду.

- Кызжибек, неге менден качтың? - Артык экөө ээн калганда суроо берди. - Менин кандай абалда калганымды билсең бооруң ооруур беле?

- Менин ошол кездеги абалым сиздикинен кем эмес эле…

- Кечир, өзүмчүлдүк кылып жатат окшойм, жок дегенде мени күтсөң болот эле го?

- Кантип, мен ушундай абалда калдым деппи?

- Ошентсе да бир кабарыңды билдирсең болмок.

- Эми ал кез өткөн, эскини козгогондо эмне, биз эми туз менен канттайбыз, күн менен түндөйбүз, ак-караны ылгап калган кезибиз.

- Ооба, - Артык Кызжибектин колун аста кармады, - өткөн жумада көлдө болдум, - деп оор улутунуп алды. - Ар жылы ошол күнү сени менен таанышкан жээкке барып карааныңды издейм, бирок таптакыр таппай аргам кетип, сага бул дүйнөдө кезигүүдөн үмүт үзүп койгон элем, Жибек.

- Мен дагы. - Экөө катар басып Карабек жашынып турган жакты көздөй келе жатышты. - Биз тагдырдын кулу экенбиз, кандай буйруса ошондой болот экенбиз.

- Туура, Жибек, сен шаарга баса бергениңде барып таппай калдым.

- Сиздин үй-бүлөңүз жакшы жатабы, айрыкча ата-энеңиз демдүүбү? - деп Кызжибек жадырай карап сөздү башкага бурду. - Өзүңүздүн денсоолугуңуз кандай?

- Асылым ай, теңирдин берген бир бактысы элең, ажырап калдым…

- Өкүнгөндө не, эми ал күндөр кайрылып келбес.

- Жок-жок, мен кайрып алгым келет, баарын башкача баштайлычы, алтыным, жок дебечи, - деп Артык келинди шап эки карыдан алды да, бооруна бекем кысты. - Кылымдарга ушул бойдон тура береличи, асылым.

- Болбогон кеп, ылайланган суунун тундурмасы оозго даам бербейт.

- Мага баары бир, макалдатып отурбайм, сен менин гана жалжалым болууга тийишсиң, сени ошол абалда калтырган мен, ошондуктан өз айыбымды тартышым керек.

- Андай дебеңиз, күнөөлүүнү кудай өзү жазалайт, - деген сөз Карабектин мээсин чукуп өттү, "Эмне дейт мобу сүрөт кыз?" - деп тыңшап калды. - Ишенчээктигимди, баладай байоолугумду байкап калган бирөө болсо керек, эмнеси болсо да өзүңүздү күнөөлүүмүн дей көрбөңүз. Ал кара такты өмүрү эсимден чыгара албай турган белегим бар, ошол каргашалуу түндөн калган эстелик бар, Артык! - Кызжибек жер карап, үшкүрүп ийди.

- Анчалык капаланба, баарын унут, асылым, мен сени эч кимге, эч нерсеге алмашпайм, - деп Артык дагы кучактап жүзүнөн сүйөөрдө Кызжибек андан боюн оолактатты.

- Кереги жок, таза, кирсиз сезимдер ошол бойдон калсын.

- Мен ага чыдай албайм, беш жыл бою араң зорго чыдап келдим, Жибек, эми мени эч кандай күч токтото албайт.

- Жок, болбойт! - Кызжибек андан оолактай колдорун алга сунду. - Кечир мени, мен ошол түнү өлгөнмүн, сезимим өлгөн, жүрөгүм таштай катып көңүлүм калган, эми эч кимге ишене албайм. Кош, мени күтүп калышты, үйгө барайын, - деп жүгүрүп жөнөдү.

- Жибек, Жибек дейм, токточу, бай болгур! - Артык умтулуп барып токтоп калды, анткени Кызжибек кабат үйлөрдү айланып кеткен болчу. - Акмак, акмактар десе, эгер ким экенин билсем өз колум менен мууздабайт белем! - деп көзүн жума муштумун түйүп көпкө турду. Анан машинесине шалдая басып барды. Анан дароо машинасына отурду да, зуулдата айдап кетти. Ал кеткенден кийин Карабек кабат үйгө көз жиберип: "Каран калгырдыкы, мен жеткен акмак турбаймынбы, аялды сыйлай албасам, үй-бүлө дегенди билбесем, бала көрбөсөм. Тапкан байлыгымдын эмне кереги бар, адам болуп жашаш үчүн үй-бүлө керек, бала керек, байлык ошолорго керек. А мен ким үчүн жашап жатам деги, бир бактылуу жаштарды эки бөлүп, эки өйүздө калтырган мага кудай жазаны кандай берээр экен?" - деп Кызжибектин: "Карагашалуу түндөн калган белегим бар, ал түн эч качан эсимден чыкпас", - дегенин эстеп, цементке отура калды. Өзүнүн бул райондо эмне үчүн жүргөнүн унутуп, кайсаңдап көпкө туруп, акыры жолуна түштү. Ал азыр машинасын унаа токтоочу жайга калтырып, өзү жөө Мадалбектин артынан аңдып жүргөн. Кийген кийими боз костюм-шым менен башында боз чий калпак болчу. Бирок анын оюнан Бакбергендин көздөрү кетпей туруп алды. Жеринен жүзүндө заар чачырап, жүрөгүндө муз тоңгон, адам баласына жамандыктан башканы ойлобогон Карабек ушул күндөн баштап жашоосунда не деген окуялар өтүп жатканын эстеди. Жан дүйнөсү эңшериле жашоосу кунарсыз өтүп жатканын, ушул убакка чейин өз өмүрүнө кайдыгерлик кылып жашап келгенин сезди. "Мен баланы көз жаздымдан кетирбешим керек", - деген чечимге келе унаа токтоочу жайга келип, машинесин айдап үйүнө жөнөдү. Ошол түнү башын чаташтырган ойлору менен алпуруша: "Мен үй-бүлө күтүп, жай өмүр сүрүп, балалуу болушум керек", - деп өзүнө-өзү убада берди. Эртеси эле шаардын четинен үй караштырып, заңгыраган үй сатып алды. Бир нече жылдан бери бир да жолу каттабаган туулган жерин көздөй шашып келип, ата-энесинен калган тамдын ордун гана сыйпалап, зээни кейий басып жүрдү. Арадан жыйырма жыл өтүп кеткен эле. Он жыл түрмөдө отуруп келгенде туугандарынын көз караштарынан бул айылга батпай калганын байкаган соң кетип калып, ошол бойдон кайрылган эмес. Там жепирейип кулаганы калыптыр, кыйрайган чабырасы аркы-терки сынып жатат, короонун ичин чым баскан. Карабекти көрүп бир аксакал карыя басып келди.

- Ассалоому алейкум, аксакал! - Карабек озуна салам айтты.

- Аллеки салам, бу сен кимсиң, балам? - Карыя жүлжүйгөн көздөрүн Карабекке кадады.

- Мен Орунбайдын баласымын, - деп Карабек тартына үн катты, ал "түрмөдөгүбү?" - деп сурайт го деп күттү.

- Аа-а, жакшы экен, балам, ага-туугандарыңа каттап жатасыңбы? - Карыя аны көз токтото карады. - Сен Карабексиң го, түрмөдөн чыктыңбы?

- Жок, бүгүн келдим, агамдар кайда тураарын билбейсизби?

- Агаң өлгөн, балам, иниң эптеп күн көрүп жүрөт, үйлөнүп бала-чакасы бар, карындашың болсо шаарда дейт, так билбейм.

- Инимдин кайда жашаарын билесизби?

- Ал тээ уй пермада, уй багат, аялы саанчы деп угам, бул үйдү оңдоого бечаранын кудурети жетпеди, өкмөттүн үйүндө турат.

- Рахмат, аксакал, кай жерде дүкөн бар?

- Айылдын тең ортосунда үнүпирмак дегени бар, балам.

- Жүрүңүз, машинага отуруп көрсөтүп коюңуз, - деди эле чал андан корккондой бир аз туруп, анан: "Картайган чагымда эмнеден корком, кудай берген жанды кудай алат", - деп ойлоп шап эле волгага отурду. Алар универмагка келишти. Карабек майда-барат таттуу, кант-чай, арак-вино да алып чыкты да: - Сиз ичесизби, аксакал? - деп сурады. - Атыңызды унутуп калыпмын, ал убакта сиз дал мендей куракта элеңиз, туурабы? - деди күлүп.

- Ооба-ооба, менин атым Кулунбай.

- Бирдеме иччү белеңиз?

- Ичсе ичип койом, - деп Кулунбай култуңдап койду. Карабек советская арагын бузуп, бардачоктон стакан алды да, куюп абышкага сунду, бирин өзү алып:

- Кана сиздин денсоолугуңуз үчүн, - деп стаканын кагыштырып койду.

- Рахмат, балам, сенин келишиң менен, - деп алып жиберишти.

- Буларды балдарыңызга берип коюңуз, - деп өзүнчө кагаз баштыктарды Кулунбайдын колуна карматты.

- Балам, бул эмне?

- Таттуу-паттуу, балдарга бериңиз, бу бөтөлкө өзүңүзгө.

- Кудай жалгасын, балам, - деп Кулунбай чечиле сүйлөп кирди. - Орунбай жакшы адам эле, анын очогунан от күйбөй калды. Сулайман болсо жаш аялмет, жайы-кышы малда болуп чолоосу тийбейт. Иниң Курмандын балдарына дагы жардам берет окшойт, баса эмне деп жатам, аялы күйөөгө тийип кетип, анын балдары дагы анын колун карайт.

- Анипа жеңем күйөөгө тийип кеттиби?

- Жылдыгы өткөндөн кийин эле чыгып кеткен, - деди Кулунбай, агасынын эң улуу баласы дагы соттолуп кеткенин айткысы келбеди.

- Макул, аксакал, саан уйдун сарайы кай тарапта?

- Мындан өйдө, атайын уй перма бар.

- Сизди жеткирип койойун дагы ошол жакка барайын, - деп Карабек калган аракты куйду. Кулунбай Карабекке ыраазы болду, үйүнө жеткенден кийин кала берди. Карабек уй сарайга барып, Сулайманды издеп бат эле тапты. Мал багуу менен алектенип беш баласын чоңойтуп келаткан Сулайман агасы менен жакшы учурашып үйгө киргизди. Карабек ар бир баласына жыйырма сомдон берип, беттеринен өөп, келинине бир жоолук менен майда-баратын карматты.

- Кандай анан, Сулайман, мен баарын уктум, атамдар болгондо мен бул жерде болот элем, - деп агасы Кумарбектин арбагына багыштап куран окуду.

- Байкем катуу ооруп жатып сизди көп эстеди, тарап кетпей бирге болсок болот эле, Карабек келсе бооруңа тарт деп көп айтты.

- Жаткан жери жайлуу болсун.

- Жеңем болсо күйөөгө тийип кетип калды.

- Балдарчы?

- Эң улуусу Канат түрмөдө, экөө менин колумда, торпок кайтарып жүрүшөт, - деди Сулайман.

- Эмнеге түрмөгө түшүп жүрөт?

- Уурулук кылыптыр, акем өлгөндөн жылдыгы өтөөрү менен жеңем күйөөгө тийип кеткенде үчөө үйдө калган, мен окуусуна карап, тамак-ашты жеткирип турдум. Анан эле начар балдарга кошулуп алыптыр…

- Азыр кайда?

- Фрунзеге алып келиптир, кайсы түрмөдө экенин билбейм, эки жыл болду.

- Айла канча, - деп Карабек оор күрсүнүп алды. - Тамды оңдогонго мен каражат таштап кетем, балдарыңар чоңоюптур, өмүр бою бул сарайда туралбайсыңар да. Өзүң бүтүрө аласыңбы?

- Тамды оңдогонго каражат болсо эле усталар табылат.

- Мен кирпичи менен шыйпырын түшүрүп берем, калганын бүтүрө бер, - деп Карабек дароо эле бир боо жыйырма беш сомдукту жан чөнтөгүнөн алып берди.

- Оо-уу, байке, бул акчага директордун үйүндөй үй бүтөт го! - деп Сулайман кубанып кетти.

- Эң жакшы үй тургузуп ал, мен кирпичин түшүртүп берем, шыйпыр дагы табылабы?

- Бар, акча болсо алса болот, - деди Сулайман. Сейилкан кайнагасынын алдына дасторкон жайып, чай алып келди. Кеч кирип кеткендиктен аерге түнөмөк болду. Сулайман каткан-куткан эттен тамак жасатты. Эртеси совхоздун чоңдоруна кирип жолугуп, андан ары директорго кирди. Аны менен түшүнүксүз бир сөздөрдү сүйлөштү, анан Фрунзеден телефон чалууну күтүп, ала койду да, директорго:

- Сиз менен сүйлөшмөк… - деп трубканы узатты.

- Жарайт, - деген жаш директор трубканы кулагына такап тыңшап калды. - Угуп жатат, мен Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Коо совхозунун директорумун. Да-да, ийи ма-акул, аксакал, сиз айткандай болот, сөзсүз-сөзсүз, - деп баятан бери керсейип үстөлдөн козголбогон директор тура калды. - Айтканыңыздай болот, аксакал. - Трубканы коюп, Карабекке кайрылды. - Отуруңуз, аксакал, эмне маселе менен келдиңиз эле?

- Орунбаев Сулайманга жакшылап көңүл буруп койсоңуз.

- Аа-а, ал…

- Ооба, уйчу болуп иштейт, үйү кароосуз калган, мал деп жүрүп мал болуп бүтүптүр. Малчыларга канчалык эмгектенип жатса да көңүл бурбаганыңар таңгалыштуу, беш баласы бар, ылайыктуу жумуш караштырып бериңиз, - деди Карабек директорду көзүнүн төбөсү менен карап. Талант Жолдошбекович анын "Каражал" деген каймана атын эшиткенде төбө чачы тик турду. Мурда угуп жүргөн, бирок кылмыш дүйнөсүнүн үстүндө турган бул адамдын өз маңдайына келгенине дале ишене албады.

- Жарайт-жарайт, аксакал…

- Мени Карабек аба десең болот, ушул айылдыкмын.

- Жакшы-жакшы, сиз менен таанышканыма кубанычтамын, кам санабаңыз, иниңизге кампаны берсем болоор бекен, эгер билими болсо анда…

- Билими жок, болот, кампачылык жетет ага.

- Баары жайында анда, - деди Талант Жолдошбекович.

- Анда мен барайын, кирпич менен шифер керек эле.

- Аны да табабыз, аксакал.

- Жарайт анда, - деп Карабек сурданган жүзүн ары буруп, кабинеттен чыгып кетти. Эки күндөн кийин Сулайман уйларды өткөрүп берген соң айылдын ортосундагы өзүнүн кулайын деген үйүнө көчүп келди. Дароо кампачы болду да калды. Күзгө жетпей кыштан салынган үй даяр болду, эшигине саан уй, беш-алты жандык күтүп, короосун заңгырата дубал менен тосуп, темирден дарбаза тургузду. Карабектин ошондон кийин кайрадан дайны чыкпай калды. Бул чөйрөдөн кетүүнүн бир гана жолун ойлоду. Ал барганда Мадалбекти таап алышкан экен, аны өзүңөр билгиле деп коюп, ойлонуп отуруп калды. Бир айдан кийин БЧКадан Мадалбектин өлүгү табылды, бирок башы жок денесин эле табышты. Канча аракет кылганы менен башы табылбай жакындары аны кийген кийиминен, оң колундагы тырыгынан таанып, денени жерге берип, ыйлап-сыктап кала беришти. Лариса анын алып келген акчаларын тыкыйтып катып жүргөн. Мал-сал алып, өзүнчө оокатын өткөрө баштады, кыскасы канга салам бербей тургандай жашоо куруп, эч нерсе болбогондой күйөөгө да тийип алды. Тийген күйөөсүнүн үй-жайы жок болгондуктан үстүнө киргизип алган. Кайын журту Мадалбектин өлүмүн башкадан эмес өз аялынан көрүп, каргап кала беришти.

Карабек жөнөкөй адам тариздүү кийинип алып Кызжибекти, анын баласын аңдычу болду. Анын күндө Артык менен келгенин көрүп, бир аз сыр тарткандай Бакбергендин көздөрүн өзүнө окшоштурчу болду. Акыры чыдамы кетип жүрүп, Кызжибектин үйүн да билди. Бир күнү машинасы менен күтүп турду, жанында эки жигит бар. Аларга карап:

- Тээтиги келинди мага буту-колун байлап, көзүн таңып алып баргыла, - деп өзү жөнөп кетти.

Эртеси кеч күүгүмдө Кызжибек Карабектин маңдайында отурду, көзү таңылуу, оозун чечип койду.

- Сиздер кимсиздер, мени кайда алып келдиңиздер? - деди ыйламсырай Кызжибек. - Менден деги эмне керек силерге?

- Сен кимсиң, өзүң жөнүндө айтып бер, - деди күркүрөгөн үн. - Бакбергендин атасы кайда?

- Анын сизге эмне кереги бар?

- Бул өтө маанилүү мен үчүн.

- Атасы жок!

- Ким, кайда экенин так-даана айтпасаң бул жерден эч ким сени аябайт, жок болуп кетишиң мүмкүн, - деди күркүрөк үн кыжырдана.

Андан бир башкача жыт келип турду, бул жыт Кызжибекке тааныштай туюлду. "Ооба, бул жыт ошонун жыты, кайдан таап алды, Бакбергенди кайдан билет? Менин артымдан аңдып жүргөн го, эгерде ачык айтсам эмне кылат, айтпасамчы?" - деп ойлоп алды Кызжибек. Карабек нашаа чекчү, азыр Кызжибектин мурдун ошонун жыты каптап кетти. Ошондо дагы чегип алган эле.

- Мен эч нерсе айтпайм, атасы өлгөн дедим го?

- Мейли айтпа, бирок баладан айрылып калуудан коркпойсуңбу?

- Жок, коркпойм.

- Неге?

- Ал бир жырткычтын баласы!

- Токтот! - Карабек ачуулуу кыйкырганда Кызжибек коркконунан селт этип алды. - Балаңдын атасын неге андай дейсиң? - деди Карабек кайра жумшара.

- Баланы да, атасын да жек көрөм!

- Неге, ушуну ачык айтчы мага, мени Каражал деп койот…

- Дагы эмне керек, жырткычтан төрөлгөн баланы ким сүймөк эле, маа десең өлтүрүп сал! - деди таңылган колун бошотууга тартынып. - Каражал эмес ажыдаар болсоң да, эбак өлгөнмүн!

- Мен сени өлтүрбөйм, мага эң маанилүүсү бала!

- Анда угуп ал, маанилүү болсо бердим сага.

- Неге өзүң төрөгөн баланы опоңой эле бирөөгө бере салгың келет? - Карабек келиндин маңдайына келип, соргон нашаанын түтүнүн бетине үйлөп койду.

- Аны мен жек көрөм, дүйнөгө келишин каалаган эмесмин!

- Жетишет! - деди Карабек. - Өз үйүнө жеткирип койгула! - деди эле эки жигит келинди кармап алып чыгып, машинага салып жөнөштү.

Бир сааттай жол жүрүп келип, бир колун чечип туруп түшүрүп коюп, катуу жүрүп кетишти. Кызжибек кыпкызыл болуп уюп калган колдорун ушалап бир аз турду да, көзүнө байланган жоолукту чечип, бир аң теңселе түштү. "Акмак, дал ошонун жыты, менин сары изиме түшүп жүргөн экен да. Ким деген болду экен, неге мындай адамга кезиктим экен? Мындайлар өлтүрүп да коюшу мүмкүн, Артык менен сүйлөшүп көрөйүн", - деп ойлоп тепкич менен жогору чыгып баратты.

- Жибек, мынча эмнеге кечиктиң? - деди эшик чыр этээри менен ачкан Шааркан.

- Иштер чыгып калды, апа.

- Тынч эле болсоң болду, кызым, коркуп отурдум эле.

- Эмнеден коркосуз?

- Билбейм, кызым, беш-он жыл мурун биздин айылдан Бообектин кызы дайынсыз жоголуп кеткен, ошол бойдон иги-жиги чыкпай калбадыбы.

- Жарыктык десе, ал жоголсо эле менден корктуңузбу?

- Коркпой анан, балдардын кардын тойгузуп уктатып койдум, бирдеме ичесиңби?

- Ооба, кардым ачты.

- Даяр тамак бар, жүрү ашканага. - Эне-бала ээрчише ашканага кирди. Шааркан газда ысык турган тамактан чоң чыныга куюп, кызынын алдына койду. - Колуңа эмне болгон? - Чочуй колун кармай калды. Кызжибек байкабай эле костюмун чечип, кофтасы менен отурган, жеңи кыска болчу.

- Эчтеке болгон жок, - деп тим болду.

- Ээ балам, кыйыла жаздаган го?

- Апа, көңүл бурбай эле койчу, чарчап турам.

- Капырай, көз алдымда бой жеткен өз балам өзгөрүп барат, миң түрлүү, бир сырлуусуң…

- Кардым тойду, идиштерди бүгүн жууй албайм, эртең менен жуюнчу, апа, эс алайын, макулбу? - деп жооп күтпөй эле балдары жаткан бөлмөгө кирди. Эки бала бири-бирине артыла уктап жаткан. Бакдөөлөт өзүнө окшош, кыздардыкындай музоо кирпик, Бакбергени болсо эмитен эле көздөрү өткүр, бийик кабак, кыр мурундуу, каштары калың. Карап туруп өз канынан жаралган наристени жек көрүп кетти, деги төрөлгөндөн имерилген жок, кээ-кээде гана апалап калганда кичүү уулуна кошуп өөп койбосо кучактап мээрим төккөн эмес. Эми аны тирмийе карап: "Демек муну көздөп жүргөн экен да, алса алып кете берсин, менден алыс болсунчу. Бакдөөлөткө, апама зыяны тийбесе болду, аман болсо таап келээр, чоңоюп деги калды", - деп ойлоно бөлмөдөн чыгып, ордуна жатып алды. Эртеси Артыктын кабинетине телефон чалды эле ал Кызжибек экенин билгенде эбелектей түштү. Жумуштан эрте чыгаарын айтып, кафеге чакырды. Алар түштөн кийин жолугушуп, парктагы кафеде отурушту.

- Жибек, тынччылыкпы? - деди Артык кабатырлана.

- Жаман, мен бир жаман ишке кабылдым.

- Кандай, эмне болгон иш?

- Каражал дегенди уктуң беле?

- Неге аны сурадың, андан чоңдор дагы сестенишет.

- Анда менин тагдырымды талкалаган ошол экен.

- Аны кайдан билдиң? - Артык көздөрүн чоң ачып каштарын жыйра Кызжибекти карап калды.

- Ушунда-ай, мен ошого кабылыпмын, - деп Кызжибек болгонун айтып берди. - Ал менин ар бир изимде жүргөнбү деп корком, Бакбергенден да коркуп калдым.

- Кызы-ык, эми эмне кылыш керек, эмне дейт?

- Баланын атасын билгиси келет.

- Шыбыш укканбы?

- Кимден укмак эле, бул ошондон бери артымдан жүргөн сыяктуу, баланы бербесем же аныгын айтпасам мени соо койбочудай.

- Анын кайда, кандай жерде жашаганын эч ким билбейт, керек жерден пайда болот да, көздөн кайым болот.

- Демек мен андан кутула албайт экенмин да? - Кызжибек Артыкты аргасы кете карады.

- Коркпо, андан да маанилүү жаңылык бар, мен Айзада менен ажырашмак болдум.

- Эмнеге, менин сага…

- Жок. - Артык алаканы менен Кызжибектин оозун баса калды. - Жибек, мени түшүнчү, Айзада экөөбүздүн жашообуз болбой баратат, андан көрө экөөбүз тең өз жолубуз менен болгонубуз жакшы.

- Туура эмес, мен силердин жашооңорго тоскоолдук кылдым окшойт, биз баары бир бирге боло албасыбызды түшүнчү. Менин өз түйшүгүм өзүмдү кыйнап турат, быйыл окууга тапшырып, сырттан окуп алсамбы дедим эле.

- Албетте, мен бул оюңа кошулам, ал тургай жардам берем, сен менден качпа, ал эми тигинден коркпой эле кой, - дегени менен Артык башка эч нерсе айта албады. Ошондон тартып ал Кызжибекти үйүнө киргизип, анан кетчү болду.

Карабек крим дүйнөсүнөн чыга турган бир гана жолду ойлоп жатты, ал тынч өмүр сүргүсү келди. Көп өтпөй Бакбергенди акмалап жүрүп, дагы кармап алды:

- Беку, мен сага кө-өп акча берем, жүрү машинага түшүп ойнойсуңбу? - деди.

- Бакычы, ал дагы мени менен ойносо болобу? - деди бала күмөнү жок эле таза, балалык дили менен.

- Жок, экөөбүз барабыз, мен сага кийим алып берем.

- Анда макул, - деп бала ойлонбой эле машинага отурду да, Карабекти өрттөй күйгөн көздөрү менен карады. - Сиздин балаңыз барбы?

- Аа-а, - Карабек какай түштү, - сен каруселге ойногуң келеби?

- Ооба, сиз мени каруселге алып барасызбы? - Бакберген кубанычтуу сурады. - Апам Бакы экөөбүздү дайым ойнотуп келет.

- Албетте, алып барам, - деп Карабек жолдон балага балмуздак сатып берди, дүкөнгө алып кирип кийим-кече алып, анан паркка алып барды. Түштөн кийин аны алаксытып отуруп, чачынан бир чымчым кыркып алды да: "Муну текшертишим керек, эгерде өз балам болсо алып кетем", - деп ойлоп кечке маал үйүнө алып келип таштады. Ага чейин Шааркан аны түшкү тамагына чакырып таппай калып, Кызжибектин жумушуна чалып ийген эле. Ал каамарабай: "Келет да, апа, ойноп жүргөндүр", - дегени менен ичи түтпөй дааратканага кирип ыйлап алды. "Алып кеткен экен, мейли мага тийишпесе болду, Бакуга тийбесе болду", - деп өзүн-өзү сооротту. Кайра тынчы кетип кайра Артыкка телефон чалды, анткени анын бирден-бир жөлөнүчү Артык болуп калган. Качан болбосун андан көңүл көтөргөн сөз угуп, эс ала түшөт. Эми жумуштан чыгаарда Шааркан кайра чалды. Бакберген баштыктарга момпосуй менен таттууларды, кийим-кечени көтөрүп сырттан киргенде жетип кучактай калган.

- Кайда жүрөсүң, буларың эмне?

- Тайне, бир киши мени ойнотподубу, мендей баласы бар экен, ал алыста экен, ошондуктан мени балам деп буларды алып берди, - деп эдиреңдей карады.

- Ботом, ал кандай неме экен? - Эне үрпөңдөй түштү.

- Машинасы ба-ар, акчасы кө-өп киши.

- Эк мурдуңа келгир, чоочун кишини ээрчибей жүр дебедим беле, экинчи антпей жүр, уктуңбу, балам? - Шааркан Бакбергенди эки бетинен өөп, жетелей ашканага кирди. - Кардың ачкандыр.

- Токмун.

- Эмне жедиң дагы?

- Тамак жедик, балмуздак алып берди, - деп Бакберген мактанып жатканда Артык менен Кызжибек келип калды.

- Кайда жүрдүң, эй бала? - Кызжибек кирип келип эле Бакбергенге ачуусу менен бир тийди. - Бакудан алыстаба, үйдөн алыс кетпе дебедим беле?

- Алыс кеткен жокмун, мени бир киши ойнотуп келди.

- Ким экен ал?

- Билбейм, байкең болом деди, паркка алпарып ойнотту.

- Экинчи эшикке чыкчу болбогун, - деп терс бурулду. Артык Шааркан менен баш ийкеше учурашып ыңгайсыздана туруп калган, Кызжибек аны карай: - Өтүңүз, чай ичиңиз, - деди сылык.

- Өт, айланайын, бул бала менин эсимди эки кылбадыбы, түштөн мурун жоголуп, эми эле келди.

- Бала да, - деген Артык эмне дээрин деле билбеди. Каражалга теңелүү өтө кыйын эле, кокус жаздым кылсаң өлүгүңдү көрсөтпөй ың-жыңсыз кыла турган жанкечти деп айткан ага Садыбакас дагы. Өзү аны көрө элек.

- Ал, балам, нанга кара, сени да убара кылган окшойбуз, - деп Шааркан нан сындырып кирди.

- Эч нерсе эмес, эне, бири-бирибизге жардам керек болгондо четте карап тура албайбыз да, этият кылыш керек.

- Бүгүндөн баштап үйдөн чыгарбайлы, камап кой, апа, эч жакка чыгышпасын, - деп Кызжибек кабагын бүркөй сүйлөдү.

- Апа, мен чоочун кишиге барбайм ээ? - Бакдөөлөт апасын карады. - Мен алыс кетпейм.

- Экөөңөрдү тең эшикке чыгарбайбыз мындан ары.

- Досторумчу, алар үйгө келеби?

- Ооба, келип турушат.

- Жибек, мен корком, кызым, балдарды алып Сурмаштын үйүнө кете берсем кантет, көпкө көрүнбөсөк таппай калаар.

- Койчу, апа, эми үйдөн качмак белек?

- Баланы камап отура албайбыз.

- Көнөт камаганга.

- Жибек, мен кетейин, - деп Артык ордунан козголду.

- Мен узатып койойун, - Кызжибек аны узатып сыртка чыкты. - Убара кылганым үчүн кечирим сурайм.

- Койсоңчу, Жибек, мен сен үчүн өмүр бою кул болууга даяр болуп жүрсөм, бул эмне дегениң?

- Орунсуз болдубу дегеним да.

- Эч кандай орунсуз иш болгон жок, жүрү бир аз басып келбейлиби? - Имере белден алды. - Сенин демиңди сагындым, кусалык жүрөгүмдү эзип барат, Жибек.

- Андан не пайда, сезимдерди таза бойдон сактайлычы, - деп наздуу шыбырады Кызжибек. - Ушул турганыбыз да канчалык канимет, мен ушуга да ыраазымын.

- Менин сагынычым тарабай көргөн сайын көргүм келип, кайрадан кусадан жабыркап кетип жатам, Жибек, - деп шыбыраган Артык келинди белден кармап өзүнө тарта кулак түбүн, алкымын жанталаша өпкүлөп жатты. Бир аздан кийин келин дагы андан калышпай аймалап Артыктын мойнуна асылып, салаалары чачынан аяр сылап, демин ичке тарта кыңкыстап жиберди. - Жүрү, Жибек, машинага отуралычы. - Кызжибек үн катпады. Артык колдорун бошотпой бекем кучактап алган келинди жерден так көтөрүп машинага салды. Аш бышым убакыт ичинде ашыктар арткы салондо уйпалашып алышты.

- Болду жетишет, - деди көптөн кийин Кызжибек акырын. - Мени апам күтүп калды.

- Жибек, эки күндөн кийин путевка даяр болот, көлгө кеттикпи?

- Макул.

- Жылда түгөйүнөн ажыраган ак куу сымал өзүм жалгыз барчу элем, быйыл экөөбүз барабыз, он күндүк эс алууга барып келели ээ?

- Жумуштан чыгып калам да.

- Мен чалып койом.

- Отпуска ала турган убагым боло элек.

- Биз таанышкан күн.. .

- Онунчу август, - деди Кызжибек күлө.

- Унутпапсың.

- Кантип унутам? - деп улутунду келин.

- Асылым менин, баары артта калды, эми бирге болобуз, эмесе сенин отпускаң келгенде баралыбы?

- Ошондой болсун, болбосо жумуштан четтеп калам, эми жакшы жетип ал, мен кирейин, - деп Кызжибек жигитти аста өөп коюп, анан үйүнө жүгүрүп кирип кетти. Жүрөгү элеп-желеп боло, толкунданып өзүнчө бактылуу жылмайып алды. "Эми бизди эч ким ажырата албайт, бирок үй-бүлөсүнө зыян кылбайм, жолугуп турсам болду. Аргам канча, сырттан аял болуп өмүрүмдү өткөрүүгө даярмын, мен ал үчүн, ал мен үчүн гана жаралган", - деп ойлонуп баарына кайыл боло көңүлдүү үйүнө кирди.

- Кечиктиң го, кызым, чоочун эркек менен түн катып жүргөнүңдү коңшулар көрсө уят. - Апасы саал ачуулуу карады.

- Эмне болмок эле, апа, жөн эле сүйлөшүп турдук.

- Жөн турганыңды ким билет, ушакка калба, балам.

- Айта бербейби! - Кызжибек терс бурулду. - Мен дагы адаммын го, өмүр бою басынып жүрүп өтмөк белем, башымдан өткөн азапты жүрөгүмдөн чыгарбай чүнчүп жүрө беришим керекпи, апа? Бакытты мен издеген жокмун, бакыт мени тапты, бул дүйнөдөгү өзүмө бир берилген ырахаттуу бакыттан куру калышым керекпи?

- Кызым, ал эмне сага үйлөнөм дедиби?

- Үйлөнөм десе да мен макул эмесмин, мен аны сүйөм, апа! - Кызжибек отура калып буркурап ыйлап ийди.

- Болду ыйлаба, садага. Кантейин, сени жаман сөздөн, жаман көздөн сактап жатам, артыңдан кеп илээшпесин дегеним да, каралдым. Сен азыр өзүң жалгыз эмессиң, мойнуңда эки баланын милдети бар, эненин баланын алдындагы милдети оор, түйшүктүү, ары жооптуу болот. Уул балдар кыздай болбойт, жакшылап көңүл бурбасаң ар кандай жолго түшүп кетет, тарбия берүүң керек, - деди жай айтып.

- Аны билем, апа, милдетимди да билем.

- Билсең болду, мен башка акыл айтпайын, мага капа болбо.

- Сага капа болмок белем, апа, кайдагыны ойлобочу, мени кечирчи, - деп көз жашын аарчый өйдө болуп, ашканага кирди. Ал тамак жасап жатканда эшик такылдап калды эле Шааркан делдейе Кызжибекти карады. Кызжибектин оюна ар кайсы келип, оюн жыйганча эшик тыкылдай берди.

- Ким? - деди Кызжибек өзүн токтото.

- Ачып койосузбу, биз Артык Садыбакасовичтин… - дегенде ачып жиберди. Арытан эки жигит коробкаларды көтөрүп киришти. - Буларды сизге берип жиберди.

- Рахмат, менден салам айтып коюңуздар.

- Жакшы калыңыз, - деп жигиттер чыгып кетишти. Кызжибек коробкаларды ачып көрсө биринде жалаң өрүк-мейиз, момпосуй-печеньелер, биринде койдун эти, чучук, казы-карта бар экен.

- Кызым, бул эмне? - Шааркан кызын түшүнө бербей карады.

- Бул Артык Садыбакасовичтин берип ийгени тура, апа, жана биздин карандай чай менен отурганыбызды көргөн го…

- Алда-а карангүн ай, аның кызматчы беле?

- Ооба, горкомдун секретары болуп иштейт.

- Этият боло гөр, кызым…

- Эмне болмок эле, апа, менин эмгегимдин үзүрү, жакшы иштеп жатам, үлгүлүүмүн.

- Ошентсе дагы тынч жүрө гөр, эми ыйлабай турган бол, жаштыгың бар, акыл токтото элек эселектейсиң, кызым, аңдабай дагы бирдемеге жолугуп калба.

- Коркпо, апаке, - деген Кызжибек апасын жылмая кучактап өөп койду. - Балдарым менен сизди эч нерседен кемитпей багайын деген эле оюм, келээрки жылы сырттан окуу бөлүмүнө тапшырайын деп жатам.

- Окуп алганың жакшы эле, мен болсо картайдым, алы-күчүм барында балдарыңды багып берсем, сен тыңып калат элең, - дешип экөөлөп этти ашканага алып киришти. Баарын орду-ордуна коюшуп, анан Шааркан жатууга кыңкайды. Кызжибектин оюнан Бакбергенди сураган адам кетпей кээде ойлонуп калат. Көпкө чейин балдарды сыртка чыгарбай калганга Карабек жинденип жатты, ал өз баласы экенинин далилин алгандан кийин аны алып кетүүгө ниеттенип калган. Ар дайым өзүнө куюп койгондой окшош бирөөнү ордуна коюп койчу, ошол адамды ээн жакка алып чыкты да, киши таанылгыстай кылып өлтүрүп таштады. Өзү болсо чачын алдырып, сакал-мурут коюп таанылгыс болуп өзгөрдү. Паспортту өз атынан Орунбаев Карабек Жуматаевич деп жаңы алгандан кийин Бакберегенди акмалап жүрдү. Кыргызстан эмес бүт Союздун мыкчыгерлери "Каражал өлдү", - деген сөз тараганда бир топ жеңилдей түшүштү, бир даары сүйүнүп да калды. Бир-эки жума айланчыктап көрө албай кыжаалат болуп жүргөндө Бакберген иниси экөө ойноп чыга калышты. Машинада отурган Карабек балдарды карап отуруп, Бакберген жалгыз калганда кабинасын ачып:

- Бакберген! - деди кол булгалай.

- Сиз кимсиз? - Бала тура калып сурады.

- Мен сенин абаң болом, бери келчи!

- Ыкы, мен сизге барбайм, - деп ары көздөй кетенчиктегенде Карабек ага чоң оюнчук машинаны көрсөттү.

- Мына бул оюнчукту аласыңбы?

- Аный, апам урушат.

- Беку байке, ал ким? - деп Бакдөөлөт келип калды.

- Тэ-этиги кишини карасаң, мени бери кел деп жатат.

- Барба, апам бизди камап койот.

- Жүр кетебиз, таенеме айтабыз, - деп кол кармаша жүгүрүп кеткенде алардын артынан тез-тез басып Карабек жөнөдү. Экинчи кабатка көтөрүлүп баратып, "6" деген номуру бар үйгө балдар чуркап кирип кеткенин көрүп, кайра артка кетти. Күндө күндүзү келбей кеч күүгүмдө келип, подъезддин алдында кара чий калпагын баса кийип алып, үч күн аңдыды. Акыры Бакбергени колуна тийип, кеч күүгүмдө аны машинага салды да, жаңы үйүнө келди. жолдо келатып уктап калган бала ойгонуп, маңдайында турган адамды көрө:

- Мен каяктамын? - деп элеңдей тура калды.

- Коркпо, уулум, сен менин уулумсуң, мен сенин каалаганыңды аткарам, - деп жакындаганда бала андан боюн ала качып бакырып ыйлап ийди.

- Сен калп айтасың, менин атам жок, өлүп калган!

- Апаң калп айтат, мен сенин атаңмын, кел оюнчук менен ойнойсуңбу?

- Сен бала уурдагычсың, сен калп айтасың, мени койо бер! - деп жулунган баланы болбой эле кучактап алды, бооруна кысып төбөсүнөн шор-шор эттире жыттады. "Бала жыты, наристе кезин көрүп, ымыркайында жыттасам эмне. Эми да кеч эмес, жанымдан карыш чыгарбайм, жалгызым менин, өмүр улаарым, орун басарым", - деп ойлонуп жатканда негедир бала да бир нерсени сезгендей унчукпай отуруп калды.

- Каралдым, мени кудай кечирсин, ойлонбостон кылган ишимдин өтөлгөсү жемиштүү болгонуна шүгүр, бул үчүн апаңдын алдында күнөөкөрмүн, жооптуумун, милдеттүүмүн, өмүр бою карыздармын, - деп тизелеген бойдон отурган калыбында ыйлап жатканын сезбеди, анын таштай каткан жүрөгү жибип, жан дүйнөсү сымаптай көлкүлдөп эрип турду.

- Сен ыйлап жатасыңбы? - деди Бакберген ага таңгала карап.

- Ооба, садага, ыйлап жатам, апаң экөөңөрдүн алдыңарда чоң күнөөм бар…

- Эмнеге?

- Сенин бар экениңди билбегеним үчүн.

- Апам сени жаман көрөбү?

- Ооба.

- Эмне үчүн жаман көрөт?

- Сага барбаганым үчүн.

- Анан эмнеге барбай койдуң эле?

- Кол бошобойт, - деп Карабек сотто суралып жаткандай баланын ар бир суроосуна кыйналып, бирок аргасыз калп жооп берип жатты.

- Аа-а, - деп койду бала. - Анда эмнеге үйгө барбайсың?

- Апаң сени мага бербейт да.

- Мени издешет, мени үйгө жиберчи, эртең апама айтып, өзүм эле сени менен кетип калам, - деди чоң кишидей каадалана.

- Жок, апаң сени бербейт, эртең өзүм аларга белек-бечкек алып барып айтып койом.

- Мен дагы барамбы? - деди Барбеген болбурай.

- Жок, сен эртең туугандарыңа барасың, - деди Карабек.

Анан уулунун карды ачты го деген ойдо тамак жасамак болду, бирок колунан келбесин билип, дүкөнгө ээрчитип барып каалаганын алып берди. Барберген үйдүн бир бөлмөсүнө кирип, толгон оюнчуктарды көрүп кубанып кетти.

- Булар кимдики?

- Сеники, баары сеники.

- Оо-ой ий, меникиби ушунун баары? - Бала ар бирин кармалап көрүп, кубанычтуу ойноп жатты.

- Эгерде кааласаң дагы алып берем, машина айдаганды үйрөтөм, - деди атасы аны күлмүңдөй карап.

Жүрөк сезет деген ыраспы, Бакберген бир аз эле ыйлаганы болбосо көнүп баратты, ички туюм да адамды кээде үмүткө жетелеп жакындыкты билгизет окшобойбу, бала Карабектен чоочуркабай калды. Ошентип аны уктатып коюп, Карабек волгасын гаражга киргизип токтотту. Андагы жигулини айдап чыгарып койду, волганын номерин чечип, огороддон жер казып көмдү да, үйгө кирип жатып калды. Эртеси таңга маал туруп жигулисин от алдырып көрдү. Анан жумуртканы сууга бышырып, Барбергенди ойготуп, кардын тойгузду.

- Эми сени туугандарыңа алып барам, - деди жылмая.

- Алар кайда, байке?

- Жок-жо-жок, сен мени байке дебей ата дешиң керек, - деди мурдунан чымчып эркелете.

- Ата деп айтамбы? - Бакберген көңүлсүз сурады.

- Албетте, уулум, сен мени ата дешиң керек…

- Ата…

- Балам менин, ордумду басаарым, - деп бооруна кысып, өзү жаш баладай сүлкүлдөп ыйлап жатты.

- Эмнеге ыйлай бересиң? - деди бала маңыроо карап.

- Сенин ата дегениңе, ушул жашка чыгып баламды ойлоп койбогонума, бул дүйнөгө эмнеге келип, эмнеге жашап жатканымды сезбей жашап жүрө бергениме, баланын шириндигин билбеген аңкоолугума ыйлап жатам, уулум!

- Ата, ооруп кетти, - дегенде катуу кысып алганын сезе бошотуп, анан жетелеп сыртка чыкты.

Дүкөн кыдырып кары кишиге чапан, бир сыйра кийим, дагы көп майда-барат сатып алды. Уулу экөө түш ченде ашканага кирип тамактанышты. Карды тойгон Бакбергенди астына отургузуп алып рулду карматып жолдо келе жатканда ал уктап калды. Аны арткы отургучка жаткырып, бир барак кагазга кат жазды да, алган белек-бечкегин экинчи кабатка алып чыгып эшиктин алдына коюп, коңгуроосун басты. Шааркан ача койду эле:

- Буларды сиздерге берип ийди, - деп артына бурула басып кетти. Шааркан дагы Артык Садыбакасович берип ийген экен деп ойлоп ичкери киргизди. Өзү кечээтен бери Бакбергенден санаасы тынбай отурган. Кызжибек кам санаган жок: "Алса алып кетсин, каалаган эмесмин ушул баланы, зордукчулдун баласы зордукчул болот, баш кесердики баш кесер. Бакум аман болсо болду", - деп жумушка кетип калган. Карабек айылга инисиникине келди, алар аны кубана тосуп алып, коюн союп коноктоп жатышты. Бакберген Сулаймандын кичүү баласы менен ойноп жүрдү. Сулайман совхоздун кампасында иштегенден бери бир топ ирденип калган.

- Байке, эми айылга эле келиңиз, ылайыктуу аялга үйлөнүп жашаңыз, - деди Сулайман ага кайрылып.

- Шаарда үй бар, ылайыктуу аял болсо табылаар, Бакбергенди эле эптеп өзүмө көндүрүп алсам болду.

- Өзүңүз билиңиз.

- Иш кандай?

- Баары жайында.

- Жашооңду жакшыртып, өзүңө тың болсоң болду.

- Баары сиздин эмгегиңиз, байке, Курман байкемдин эки баласы чоңойду, бири күздө аскерге жөнөйт, кичүүсү быйыл мектепти бүттү. Сиз болбосоңуз жети баланы кантет элем, минтип канга салам бербей турган болуп калдык, келиниңиз болсо абдан ыраазы.

- Мейли, мен бир туугандык парзымды аткардым, силердин жашооңор жакшы болсо көңүлүм тынч, ансыз дагы канча байлыкты желге чачтым, - деди ойлуу.

Эки күн туруп ата-энесине куран окутуп, анан үчүнчү күнү кайра жолго чыкты. Бакберген эч нерседен капарсыз ойноп жанында, эми анын канын текшертмек болду, канчалык ишенип турса да, так аныктагысы келди…

Кызжибек жумуштан келсе Шааркан Бакдөөлөт экөө чай ичип отуруптур. Бала аны көрүп эле:

- Апа, Беку байкемди таптыңбы? - деди тура калып.

- Жок, балам, - деп коюп Кызжибек андан аркысын уккусу келбей кийимин алмаштырганы ички бөлмөгө кирип баратканда:

- Дагы бирөө коробкага бирдеме алып келди, - деди апасы.

- Ким?

- Ким билет, кечээги жигит го? - деп Шааркан көз жашын сүрттү.

- Кана? - деп кайра бери бурулду Кызжибек. - Ыйлай бербечи, апа.

- Ашканада, ыйлабаганда кантем, татынакай болуп чоңоюп калды эле.

Кызжибек ашканага кирип, коробкаларды ачып көрүп жатып, бир барак кат таап алды. Бүктөмүн жазып караса: "Белгисиз кыз, салам сага, Бакбергенден атыңды да сурабадым, ушул уулду мага аман-эсен жеткиргениңе ыраазымын! Мени жек көрөөрүңдү билем, бирок жеңил ойлуулук кылып катты ыргытууга шашылба. Бул менин сенден кечирим сурап, ыраазылык билдирүүгө болгон ыкласым. Кеч болсо да катачылыгым үчүн миң бир ирет кечирим сурайм, анткени сенин таза дилиң, менин уулдуу экенимди эсиме салганың жүрөгүмдү жибитип, ниетимди агартты. Ырас убагында сени бактысыз кылгандырмын, бирок сен мени бакытка бөлөдүң. Мен Бакбергенди алып келип турам, кам санаба андан, ошондуктан көп кечикпей дайнымды билдирип жатам. Баланы жакшы өстүрүп жатыпсың, ал үчүн сага чоң-чоң рахмат. Сенин балалыгыңды уурдаган белгисиз адам", - деп коюптур. Кызжибек катты мыжыга кармап: "Акмак", - деп көзүнүн жашын куюлта коробкадагыларды чачып жатты. Шааркан кирип келип:

- Ботом, эмне кылып жатасың? - деп сурады элейе.

- Мына Бакберген, мына көрдүңбү, апа, Бакбергениң ушулардын арасында! - деп кийимдерди ыргытып жатты.

- Эмне деп эле жатасың?

- Бакбергенди иликтеп жүрүп тапкан атасы алып кетиптир!

- Эмне?! - Шааркан шалак этип отуруп калды. - Ырас эле атасы бекен, капырай?

- Ооба, - деди Кызжибек мисирейе. - Мага ал баланын кереги жок, көргүм да келбейт! - деп чачылгандарды кайра коробкага салып, эшикти көздөй жөнөгөндө Шааркан аны токтотту:

- Ар нерсеге токтоолук керек, кызым, коюп кой аларды, болсо болоор, баланын атасынын бары жакшы, сенин мунуң болбойт, астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген.

- Эмне кыл дейсиң, апа?

- Тим кой, ал чын дили менен берген буюм, тамак-аш, сен аны ыргытканда эмне өзгөрмөк эле, кесир кылба, кагылайын. - Ошол убакта телефон чырылдап калды. Кызжибек барып:

- Ало, угуп жатам, - деди.

- Жибек, мен баратам. Эшиктен жарым сааттан кийин күт.

- Макул, - деп трубканы койду да, ваннага кирип жуунуп, чачын оңдоп түйүп, бетин жымсалдады. Ыйлаган көздөрүнүн алдын колу менен сылап өзүн ирээтке келтирди. Шааркан чачылгандарды жыйып, конфеттерди шкафка салып, кийим-кечелерди ары алып барып, шифоньерге бүктөп койду. Кызжибек үйдөн үн дебей чыгып кетти, аны сыртта Артык күтүп турган.

- Жаным, ал-акыбалың кандай? - деп умтула тосуп алды.

- Эң сонун. - Келин жигитке бой таштады.

- Ошондой болсун, сенин алдагы жаркын жүзүңө көлөкөнүн изи түшпөсүн, кабагыңды кайгынын кара туманы каптабасын.

Экөө термеле кучакташып турду. Түнкү муздак аба, желп эткен жел алардын жүзүн аймалап, жан адамга айтпас сыр каткан жүрөктөр тымызын сүйлөшүп жаткандай. "Мен ушул көз ирмемди канча жыл эңсебедим", "Менчи, мен дагы сени гана күтүп, картайып башым жерге киргенче сен деп жашоого ант бергемин".

- Эки күндөн кийин мен отпускага чыгам.

- Анда мен эртең даярдана берсем болот экен да, - деп Артык кубана карады. - Аз болсо да сени бактылуу кыла алсам болду.

- А мен бактылуумун.

- Асылым десе, менин түбөлүк жан биргем болушуң керек, баш тартпачы, - деп ээгинен өйдө көтөрдү Артык. - Эмнеден жүрөксүп жатасың, жаркыным?

- Сен үчүн, баары сенин кадырың үчүн.

- Менин жүрөгүм капастагы барчындай тырпырап, эркиндикти каалап бирок жете албаган кадыр-барктын кереги эмне, сени менен жер кезип, ээн талаа эрме чөлдө жүрсөм да мейли. Жанымда жүрөк сүйгөн адамым болсо андан өткөн бакытты сурабайт элем.

- Аргабыз канча…

- Макул дечи, асылым.

- Болбойт, балаңдын атасынан же апасынан алыс калганын каалабайм.

- Аман болсо табат да, кимибизди болсо дагы.

- Ошентсе дагы, балага ата-эненин кашында өсүүдөн өткөн бакыт жоктур, - деп Кызжибек жигиттин көкүрөгүн ачып төшүнөн жыттап койду. - Мен дагы кусага батып баратам.

- Эркем, ак кушум, - деп жалбара Артык аны машинасына отургузуп алып, айдап жөнөдү.

- Кайда барабыз?

- Көрөсүң.

- Айтсаң, - дегенде салондун ичинде келиндин коңгуроодой күлкүсү жаңырды. - Айтчы эми.

- Барганда көрөсүң.

- Азыр уккум келет, көргөндөн көрө укканым жакшы го?

- Көргөнүң жакшы, - деп шаар ичинде жылдыздай жылт-жулт эткен жарык менен кетип баратышты. Шаардын чок ортосундагы кабат үйлөрдүн алдына токтоп, Кызжибекти колдон ала өйдө карай тепкич менен үчүнчү кабатка чыгарды. Он экинчи эшикти ачкыч менен ачып: - Кана кир! - деди колун ичкери жаңсай.

Кызжибек үндөбөй кирип, бөлмөлөрдү кыдырып көрүп:

- Артык, бул кимдин үйү? - деп сурады.

- Сенин, бүгүндөн баштап бул сенин үйүң.

- Ыраспы? - Келин көздөрүн жалжылдата Артыкты карады.

- Сен үчүн жанымды да аябайм, асылым.

- Бирок, - Кызжибек кабак чытый ойлуу терезе жакка басты, - мунун эмне кереги бар эле, менин чакан болсо да үйүм бар, - деди бери бурула.

- Ооба, ал дагы сенин үйүң, бул кенен, баары даяр. - Артык аны колдон ала ашкана жакка басты. - Мына муздаткыч, газ, баары бар.

- Артык, бул кылганың мага жакпайт.

- Эмнеге?

- Өтө ашыкча кеттиң, үй-бүлөңдү карап багууң керек эле, сен көңүлүңдүн баарын мага буруп алдың.

- Сен үчүн жанымды да аябай турганымды айткан болсом керек эле, ушундайбы?

- Баары бир мунуң ашыкча кадам, - деди Кызжибек.

Үй ичи толтура эмерек, жерине, дубалдарда кооз обой чапталып, полдо килемдер төшөлгөн. Кызжибек үндөбөй: "Бул дагы болсо бир кезде колдон качырган бактымдын кайрымы, бошко кеткен өмүрүмдүн өтөлгөсү, арманымдын арылышы", - деп ойлонуп туруп калды. Эки күндөн кийин Артык кабинетинде отуруп телефондон сүйлөшүп жатты.

- Эки путевка даяр болсун, ооба-ооба, бүрсүгүнкүгө, - деп трубканы койору менен Гуля кирди:

- Артык Садыбакасович, чай алып келейинби?

- Кереги жок.

- Мени унута баштадыңыз…

- Ордуңа бар!

- Сизди сагындым.

- Гуля, мен иштеп жатам, бар ордуңа.

- Отпускага чыгып жатасызбы?

- Эмне ишиң бар, кийлигишпей бар, болбосо жумуштан кетесиң!

- Эмне дедиңиз? - Гуля ызалуу карады. - Баары бүттүбү?

- Бүттү, бүгүндөн баштап бара бер!

- Болуптур, - деген Гуля кетенчиктей артка жылды. - Макул, кош болуңуз, бирок мен жөн кетпейм, - деп эшикти ачып чыгып кетти.

- Эмне кылсаң ошо кыл! - деп Артык башын мыкчый отуруп калды.

Гуля кабинеттен чыгып жумуш ордуна отурду да, Артыктын үйүнүн телефонун терип кирди.

- Ало, бул Айзада эже бекен? - деди эле ары жактан Айзаданын үнү угулду:

- Ким экен бул?

- Ким экенимди сурабаңыз, күйөөңүз бүрсүгүнү Ысык-Көлгө башка аял менен кетип жатат.

- Кайдан билдиң, сен кимсиң?

- Мени жайыма коюңуз да күйөөңүздүн ким менен кеткенин текшериңиз, сизге боору ооруган бирөөмүн, эки күндөн кийин жолго чыгышат, - деп телефонду коюп койду.

Айзада туталанып отурганда ал үйүнө келди. Төркү бөлмөгө кирип, чечинбей эле отуруп калды. Зорго турган Айзада:

- Ийи, эмне, бир жакка барасыңбы? - деди кекете.

- Иш бар, Айзада, бала уктап жатабы?

- Бала керекпи?

- Койчу, Айзада, керек эмей бала…

- Төрөгөн мен, сен өзүң каалаган немеге төрөтүп ал!

- Сен эмне деген жансың, ажырашалы дегенге дагы көнбөйсүң.

- Жөн эле кете койот деп турасыңбы? - Бөйрөк таяна маңдайына келди. - Сени ишиңден кубалатып, түрмөгө каматып, анан кетем!

- Кайсы күнөөм үчүн? - Артык кыжырлуу жылмайды.

- Партиялык кызматтасың, аялыңдын үстүнөн башка аял менен жүргөнүң күнөө эмеспи, баягы ар кимден калган Кызжибегиң уялбай сени издеп тапкан го ээ?

- Айзада, мен үйгө сени менен акыйнек айтышуу үчүн келген эмесмин, - деди Артык ачуулуу.

- Эмне, кетээриңди айтып коштошуу үчүн келдиң беле?

- Ооба! - деп ордунан турду. - Кош анда, сен билет экенсиң, - деп эшикти көздөй жөнөдү.

- Артык, мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм, сен күнөөлүү болосуң!

- Өлө бер, мен түрмөгө түшсөм Сейтек жетим калат, - деп чыгып кетти.

Айзада томсоруп кала берди, отуруп алып, озондоп көпкө ыйлады, анан өзүнчө ойлонду. "Мен буларды жөн койбойм, алардан оңой жеңилип калбайм, өз бактымды кармап калыш үчүн баарына барам!", - деп ордунан тура калды. Эртеси кайнатасынын үйүнө баласын алып барып таштады да, өзү үйүнө кайтты. Артыктын жумушуна келип, кабинетинен чыгышын күтүп таксиде отурду. Бир кезде ал чыгып, машинасына отуруп, кайдадыр жөнөдү. Айзада таксистке анын артынан айда деп буйруду. Алар жүрүп отуруп, кабат үйлөрдүн тушуна жетти. Артык токтогондо Айзада отурган такси да токтоду. Бир топтон кийин Кызжибек көрүнгөндө Артык машинадан гүл алып түшө калып, келинди эки бетинен өөп, гүлдү берди. Ушунун баарын көрүп турган Айзада чыдабай кетип таксистти артка айдоого буйруду. Ал ар дайым чечимди чукул кабыл алып алат да, кайра ойлонуп калат. Туталана үйүнө келип, буркурап ыйлап жатты. Ошол кезде телефон чырылдап калды.

- Ало, - деди үнүн эптеп оңдогон Айзада, ал апасы Гүлсана болчу. - Апа, эмнеге кеч чалып жатасың?

- Сен эмне ыйлап жатасыңбы? - деди Гүлсана ары жактан.

- Эмнеге ыйламак элем, уктап жаткам.

- Артык келди беле?

- Ал эми келет да.

- Атаң ооруп жатат, кызым, эртең эрте келгиле.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Кан басымы көтөрүлүп кетиптир.

- Жакшы элеби?

- Дары ичкенден кийин эс алып калды.

- Эртең барам, апа.

- Артык экөөңөр келесиңерби?

- Анын жумушу бар да, күзүндө, өзүңүз билесиз, ар кай жакка кетип колу бошобойт, - деп Айзада эптеп калп айтты.

- Макул, кызым, коркпой эле кой, эртең келип кет, - деп трубканы коюп койду. "Эмне болуп калды, мен булардын артынан жөнөшүм керек эле, азыр эле такси менен барып көрүп келсемби?" - деп көпкө ойлонду. Бирок Артыкты ана келет, мына келет деп отуруп уктап кетиптир. Ойгонсо терезеден түшкөн жарык светтин жарыгын басып, таң атып калыптыр. "Артык келбеди, эми ага бирди гана көрсөтпөсөм", - деп туруп, бети-колун жуунуп келип, чай койду. Спальныйга кирсе Артык чечинбей жаткан бойдон уктап атыптыр. Аны көргөндө жини келип:

- Артык, тур өйдө, түшкө чейин уктай бересиңби? - деп түрткүлөдү.

- Жөн койчу, бүгүн мен отпускадамын, уктап алайын.

- Атам ооруп жатыптыр.

- Барып кел, шопурду чакырайынбы?

- Өзүң барасың.

- Ай ушу, уктата койбойсуң, - деп ушаланып жатып зорго турду да, машинасын от алдырып тез эле кайнатасынын үйүнө жетишти.

Артык алар менен учурашып, Жантөрөнүн акыбалы жакшы экенин көрүп, чай-пай ичкенден кийин кетмек болду эле Айзада кошо жөнөдү. Ата-эне кыз-күйөөсүн узатып кала берди. Бул жолу Айзада үн дебей үйүнө келгенден кийин кала берди. Чачын түйүп башына калдайган шляпа кийип, кыска көйнөк, бийик такалуу туфли кийгенден кийин таксиге сүйлөшүп, Артык барган кабат үйдүн жанына келип, алыстан карап турду. Кызжибек сумкага керектүүлөрүн салып алды да, Артык экөө ээрчише чыгып машинага отурушту. Алар артынан жөнөгөн таксини байкашпады. Алты жыл мурун таанышкан санаторийге келип, токтоп кирип кетишкенден кийин таксини жөнөтүп коюп, Айзада дагы кирип баратканда Артыктар кол кармаша чыгып келе жаткан. Ары бурулуп, узун шыйрагын көрсөтө шляпасын баса кийип туруп калды. Артык аны оюна дагы албады. Алар жетелеше көл жээгине келишти.

- Жибек, сен дал баягыдай көлгө тереңирээк барып мени жардамга чакырчы, - деди Артык күлө карап.

- Эмнеге? - Кызжибек аны моймолжуй карады.

- Мен сени куткарам да. - Экөө каткырып күлүп калышты.

- Сен мени ар дайым куткарасың, жанымда жүргөнүң эле жетет, өзүмдү ушунчалык бактылуу да, бактысыз да сезем.

- Эмнеге? - Артык аны далысынан ала өзүнө тартты. - Сени бактылуу кылам деген оюм бар, Жибек.

- Бактылуумун, сен барсың, бактысыздыгым жанымда болсоң дагы сен бирөөнүкүсүң, тулку боюң жалгыз меники болбой калганы мени өмүрүм өткөнчө өкүндүрүп келет, - деди Кызжибек ага башын жөлөй.

- Биз дайыма бирге болобуз, - деп экөө көлдүн жээгинде ары карап кучакташа сүйлөшүп турганда Айзада аларды кекке толгон көздөрү менен тиктеп турду. "Бүгүн үчөөбүздүн бирибиз өлүшүбүз керек, мен жөн эле эримди бирөөгө бере койбойм", - деп ойлоп турганда анын кыска көйнөгүнөн көрүнүп турган шыйрагына кызыга карап бир жигит басып келди.

- Чоң кыз, зериккен жоксузбу?

- Зериккенде жаза аласызбы?

- Кадыр көңүл жарашса, таанышып алсак кантет?

- Болот, менин атым Айзада.

- Меники Аскар, жүрүңүз сууга түшүп көлдүн балыгындай туйлап толкун менен жарышып көрөлү, - деди Аскар күлө карап.

- Макул, - деген Айзаданын колунан кармап алган Аскар Артыктын жанынан жүгүрүп өттү. Айзада бетин калкалап өтө анын жетегинде көлгө кирди. Артык менен Кызжибек жээк бойлой ары көздөй басып кетишти. Айзада үшүп кеттим демиш боло кайра эле жээкке чыгып, аларды таппай калды. Аскар артынан келип:

- Айзада, жүрү тамактанып сүйлөшүп отуралы, суу муздап калган экен, - деди ага.

- Жарайт, сиз көрүнгөн кыз-келинге ушундай мамиле кыла бересизби? - Айзада аны сынай карап жылмайды.

- Жок, албетте, сиздин сымбаттуу бой мүчөңүз, эликтикиндей узун буттарыңыз, сулуу келбетиңизге арбала түштүм заматта, - деп күлө колунан өөп койду Аскар.

- Аялыңызга дагы ушундай мамиле кыласызбы?

- Кайдан, ал үйдүн аялы, балдарын багат.

- Эмнеге, сиздин балдарыңыз эмеспи?

- Өп-өзүмдүн эле балдарым, аялым деле өзүмдүкү.

- Кайда иштейсиз?

- Менби, бекерчимин десем да болот, алты балам бар, айына жетимиш эки сом алабыз, заман жакшы да, аялым мектептин полун жууйт, - деп корстон боло сүйлөдү Аскар.

- Кызык экен, анан сиз кыз-келиндерге тузак жаясызбы?

- Кээде, сулууларды көргөндө, эркекмин да! - Оозун ача карсылдап күлдү.

- Демек, сиз эркек экенсиз да? - Айзада ойлуу ашкананы көздөй басып баратып: "Мен жөн эле сырактап жүргөн экенмин, Артык буга караганда төөчөлүк өйдөдүр. Иштеген иши жок, аял-балдарынын биртике тыйынына эсирип кыз-келин көрсө көзүн кызарткан Аскарга караганда аныкы туура окшойт. Мунун жашоосу кандай ким билет, жо-ок, менин мындай кылганым болбойт. Баламды апамдарга каратып коюп, өзүм да иштеп, Артыктын аялы болгонума кубанып үй-бүлөмдү бекем кармап жашай бергеним дурус эмеспи. Кой, акылымдан адашпайын", - деген ойго келди да, Аскардын аны токтотмок болгонуна карабай такси токтоочу жайга барып ошол эле күнү кайра артка кетти. Жолгата ар кайсыны ойлонуп: "Бул мен үчүн чоң сабак болду, Артыкты мен сүйдүм, ал мени сүйгөн эмес, буга ата-энелерибиз кошумча болду. Кызжибек менен өзүм сүйлөшүп көрөйүн", - деген чечимге келе үйүнө жетип жатып калды. Эртеси кайненеси карап жаткан баласын алып келгени барганда иштемек болгонун айтты эле ал колдоп баланы өзү эле багаарын айтты. Ошентип Айзада "Советтик Кыргызстан" гезитине кабарчы болуп орношту.

Артык менен Кызжибек бир жума көл жээгинде бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп, кетээр күндүн алдында жээкте турушту. Артык Кызжибекти колдон алып:

Сен көл болсоң чалкыган эбегейсиз,

А мен сенин толкунуңда жүрөйүн.

Эгерде сен албууттанган дайра болсоң,

Шарың менен калышпастан сүзөйүн, - деди.

- Артык, эми кеч, ансыз дагы үй-бүлөңдүн алдында чоң күнөөм бар, сенин бар экениң, амандыгың мен үчүн чоң олжо, мындан ары жолугушууну токтотолу.

- Сага жолукпай калган күнү менин дем алуум токтоп, денемде кан айланбай калат, Жибек. Сен антип айтпа, үйгө эртең барсак машина жөнөтөм, сөзсүз көчүп кел. Бир бөлмө үйдө балдар менен тура албайсың, ал үйгө биз барып жолугушуп турабыз, - деди Артык колунан кармай. - Жолукпайбыз деп айтпа, мындан ары бул сөздү укпайын.

- Жарайт, бирок абийиримди кантем?

- Эч ким билбейт.

- Айзада артыбыздан түшсөчү, өчөшүп сенин ишиңе зыян кылсачы?

- Ал антпейт, эмнеге антмек эле, кам санаба.

- Кеттикпи? - Кызжибек жалжылдай карады.

- Кеттик, кеттик, асылым, - деп Артык келинди белинен кучактай жээктен алыстап баратты.

Ошондон кийин Артык менен Кызжибек кыргызча жашыруун никелешти. Айзада үндөбөй жашап жүрүп, экинчи уулун төрөдү. Жашоо кызык, кээде көлдө сүзгөн кайыктай мемиреп жай, кээде толкун көңтөрүп кеткен кайык сымал сууга чөктүрүп, думуктуруп, чексиздиктин ааламында жалгыз гана бактысыздай сезет адам өзүн.

Кызжибек жумушунан көтөрүлүп сыйлык, грамоталарды алып, акыры комбинаттын директорлугуна жетти. Бир күнү ал жумуштан келсе үйүндө зыңкыйган бир жигит отурат. Шааркан абдан карыган кез, Бакдөөлөт онунчу классты бүтүп, окууга тапшырып, инженер болуунун алдында. Ала салып агып жаткан суудай билинбей арадан жыйырма жыл өтүп кеткен эле. Кызжибек кийин Артыктан бир уул төрөп, өз наамына жаздырып алган. Бийлик деген бийлик эмеспи, Артык райком болду, андан кийин төраганын жардамчысына жеткен жылы ооруп калды. Кызжибектин үйүндө болчу, Айзада өзү телефон чалып сүйлөшүп, сурап турат. Ал Кызжибектин аялдык мээримине ак пейилинен чексиз ыраазы болуп, эже-сиңдидей мамиледе болуп калган. Экөө биригип Артыктын кызматына, адамдык касиетине шек келтирбөөнүн камын ойлоп турушат. Кызжибек ичкери кирип келип, төрдө отурган жигитке карап калды эле ал тура калып:

- Апа, мени тааныган жоксузбу? - деди жылмая.

- Сен… сен Бекусуңбу? - деп көздөрүнөн жаш куюла кулачын жайды.

- Ооба, менмин, апа! - Эне-бала кучакташып калды.

Төрдө отурган Шааркан аларды көрүп, көз кычыгына келе калган чолок жашын сүртө үнүн акырын чыгарды:

- Бекум келбедиби, бизди таппай жүрүптүр да.

- Садагам, берекем менин, чоңоюп калган тура. - Кызжибек ыйлап да, сүйлөп да жатты.

- Бакы кайда?

- Ал дагы келет азыр, өзүң кандайсың, уулум, денсоолугуң жакшыбы? - Кызжибек Бакбергенди кучагына кайра кысты, баягы жек көрүү сезими такыр жоголгон, суудай аккан жылдар анын жан дүйнөсүн тазалап, жашоого изги сезим менен гана карап калган учур.

- Жакшы, баары жакшы, апа, силерди унутканым жок, биз айылга кетип калгандан кийин мектепке окудум. Андан кийин аскерге барып келип, азыр университетте окуп жатам, араң эле үчүнчү курсмун, - деп Бакберген жылмайып койду. - Атам эки жыл мурун өтүп кетти, ал ар дайым сиздерди айтып, унутпа, апаңа сөзсүз каттап жүр дечү. Эки-үч жыл мурун боолголоп мурун жашаган үйгө бардым, бирок таппадым. Өткөндө сизди Комвольный комбинаттын директору деп угуп калдым, комбинаттын иштебей калганын дагы билем, - деп бакылдап жатканда эшик ачылып Бакдөөлөт кирди. Ал Бакбергенди бир, таенеси менен апасын карап туруп калды.

- Бакы, үйгө конок келиптир, учураш, - деди Кызжибек ага.

- Ким экенин таанычы, кагылайын, - деп Шааркан кубанычтуу күлүмсүрөп неберелерин алмак-салмак карады.

- Бакы, мени тааныдыңбы? - Бакберген ордунан тура калды.

- Апа, - деп Бакдөөлөт күлө Кызжибекти карады, - мен чын эле көрүп турамбы, түшүм эмеспи, Беку байкем го? - дегенде Бакберген кучак жая басып келип кучактап калды.

- Бир боорум, көрүшө турган күн бар экен ээ, балалыгым, тентектигим менен кетип калганыма эс киргенде өкүнүп жүрдүм.

- Эмнеге өкүнмөк элең, уулум, - деди Кызжибек ойлуу эки баласынын ортосуна туруп. Экөөнүн ийининен эки колу менен кармап таптады. - Балким ушул кезде атам ким, ал кайда деп сурамаксың, өткөн иш үчүн мен да эчен ирет өкүнүп, арман кылып жашап келдим. Мени кечирээрсиңер, экөөң эки атадан туулуп калганыңар үчүн, - деди өкүнүчтүн жүрөк эзген үшкүрүгү оозунан шуу эте оор дем алды.

- Койсоңчу, апа, сендей аялдын баласы экенибизге кубанабыз, туурабы, Бакы? - деп Бакберген инисин карады.

- Албетте, байкемдин келиши мен үчүн кубанычтуу, апа, кардым ачты, андан көрө бирдеме бергилечи. Тайне, кандайсың? - деп эркелей Шааркандын жанына келди Бакдөөлөт. - Бүгүн кубанышыбыз керек, чынбы, тайне?

- Анан эмне тентектерим, ушу силердин кубатыңарга семирип калбадымбы, аман жүрсөңөр эле болду.

- Апа, Артык уктап жатабы? - деди Кызжибек Шаарканга карап.

- Жо-ок, ойгоо эле, андан көрө Артыкка тамак бер, кызым.

- Ошентейин, Бакы, сен Бекуну коноктогонго дүкөнгө барып келе калчы, - деди да, Артык жаткан бөлмөгө кирди, ал көзүн жумуп жата берди. - Артык, ардагым, ойгоосуңбу? - деди жанына отуруп жаагынан сылай.

- Ойгоомун, алтыным, өзүң чарчаган жоксуңбу?

- Жо-ок, чарчаганым жок, Бегуланды жаныңа алып келейинби?

- Тим кой, ал ойноп жүрөбү?

- Ооба, сыртта жүрөт окшойт.

- Сен дагы кыйналдың, бир аз сакайсам балдарга бир жакшы иш баштап берсем болот эле. Дары-дармек ичип жатып, ичегим ачышып кетип баратат, - деп Артык өйдө болду. - Уулуң келдиби?

- Ооба, келип калды, - деди Кызжибек жер карап.

- Жакшы болду, айтпаганың менен ичиңден сызып жүргөнүңдү сезгем, асылым, бала үчүн эне, эне үчүн балага бул дүйнөдөгү эч нерсе татыбасын кантип билбейм, Жибек.

- Кой эми, билгичим, өз денсоолугуңду ойлон, баягыдан жакшы болуп баратасың, бирок кечээ апаң телефон чалды, эртең келип алып кетебиз дегендей болду.

- Мени өлгөндө гана алып кетишпесе барбайм.

- Артык, капалана бербе, мен тамак жасайын, жата тур ээ? - деп Кызжибек эки бетинен өөп, чыгып кетти.

Артыктын төшөк тартып жатканына эки ай болду. Заман өзгөрүлгөндөн бери, Артыктын атасы капыстан кан басымы көтөрүлүп кетип, дүйнө салгандан бери Айзада өз ата-энеси менен турат. Күнү кечке гезитте, ал дагы өзүнчө гезит ачып, бизнес менен алек, эки баласы чоңоюп калган. Артыктын башка аялдын үстүнө кирип алганына Жантөрө менен Гүлсана өздөрүнчө күйгүлтүккө түшүп, Айзадага айтты эле ал ата-энесин тыйып койгон. Бирок жан дүйнөсү бош калган үйдөй ээнсиреп кээде ызаланат, канткен менен өзүн сүйбөгөн адамды зордоп кармагысы келбей калган. Чырайлуу, өз ишин билген келин деле жерде калган жок, өзүн сүйгөн, сыйлап-кадырлаган адамы бар. Бир күнү ал апасына кеңешип отурду:

- Апа, мен ажырашуум керек.

- Эмнеге, ботом, баарына чыдап келип, балдарың чоңойгондо…

- Мен башка адамга турмушка чыгам.

- Экинчи менин кулагыма угузба, - деп Гүлсана туруп кетти.

- Анда өз билгенимди кылам, атам мени түшүнөт, - деп Айзада булкуна чыгып кетти. Ошол ачуусу менен барып, Үпөлгө да өз оюн айтты.

- Кой, Айзада, Сейтек чоңойду, Эрмегиң мектепти бүтүп калды. Артыкты тим кой, аман болсун, кантейин бала болсо да тилиңди албаса кыйын экен, элүүдөн ашты, мен картайдым, - деп Үпөл ыйлап алды.

- Апа, мени түшүнсөңөр, Артык өмүр бою издеген жылуулукту ошол аялдан тапты, мен канчалык сүйүп, көз жашымды көлдөткөнүм менен мага кылчайбады. Анан кантип жашайм, анын ошонусун көрүп-билип туруп да силерге айтпадым, анткени ал аялдын жакшы аял экенине көзүм жетти. Артык ошон үчүн ооруп калды, эки ортодо кыйналды.

- Садагам а-ай, атаң ошонун тилин укпай койбодубу?

- Кызжибек тоскоолдук кылбаш үчүн өзүн канча жыл ала качып жүрдү, Артык өзү издеп тапты аны, апа. - Ушул кезде Айзада көз жашын сыгып алды. - Мени түшүнгүлөчү, апа!

- Кагылайын десе, ошол аял менен өзүм бир сүйлөшүп көрүшүм керек, - деди Үпөл үшкүрүнө.

Айзада өзүнүн чечимин туура деп ойлоп, ажырашмак болгону менен катар-катар бойго жеткен балдарынан тартынды. Жумушуна барып, өзүнүн сүйгөнү менен жолугушуп:

- Мен үй-бүлөмдү таштай албайм, - деди жер карап.

- Эмнеге, сенден өткөн мендеги кайгыны жеңилдетет десе, менде да бар үй-бүлө, бирок мен ажырашууга даяр болуп жатам го? - деди Алым күйпөлөктөй.

- Менин эрким жетпейт, уулдарым бой жетип калды…

- А меники үйлөнгөн, кызым күйөөгө тийген, неберелерим бар, баарына сен үчүн кайыл болуп жатам.

- Түшүнөм, мени кечир, алсыз экенимди билем, ошондуктан мен эч нерсе жасай албайм, сүйүүңө сүйүү менен жооп бере албаганым үчүн мени кечир, сени менен кетип күйөөмдөн өч алам го деп ойлогомун, - деп Айзада шолоктоп ыйлап жиберди.

- Айзада, капалана бербечи, мен сени жанымдан артык сүйгөнүмдөн карыш бөлүнгүм келбейт, сен деле элүүгө келип калдың, бул дүйнөдөн ар бир адам өз энчисин алууга тийиш.

- Жок-жок, Алым, мен эми баарына кайылмын, тек балдарымдын көңүлүнө кир калтырбашым керек, ошондо гана энелик милдетимди аткарган болом. Бул дүйнөдө аялдык сүйүүдөн ырахат ала албасам да, энелик бакытка жеткеним үчүн кудайга ыраазымын. - Айзада эзиле ыйлап туруп ушинткенде Алым келинди бек кучактап туш келди өпкүлөп жатты.

- Ыйлабачы, жаным, сенин айтканың туура, энелик бакыт деген адам баласынын эң ыйык даражасы десем жаңылбасмын, туура ойлонгонсуң, сендей аялды сүйгөнүм үчүн сыймыктанам, - деп бооруна кысып көпкө турду.

- Ыраазымын, мени түшүнгөнүңө ыраазымын, - деп шыбырай Алымдын кучагынан чыкпай соолуктап жатты Айзада.

Бул турмуштун ачуу-таттуусуна чыдап жеңе билген адам гана өмүрдүн кызыгын сүрө алат, жеңе албаганы турмуш арабасын тарталбай ара жолдо калып жатпайбы. Айзаданы энелик мээрими жеңип кетти, Артыкты барып көрүп, керектүүсүн жеткирип турат. Кызжибек ал барганда эч нерсесин аябай жаркылдап күтүп алат. Эки аялдын бул ынтымагы көңүлүн көтөрүп, Артык аз-аздап сакая баштады. Ал эми алардын бир пикирге келип калганы Үпөлдү, Жантөрө менен Гүлсананы да таңгалдырды. Кызжибек дүкөн ачып алган, Бакберген менен Бакдөөлөт катар окуп, алардын контрагын төгөт. Эң кичүүсү Бегулан араң эле жети жашта, өтө тентек. Үпөл ойлонуп отуруп, Кызжибекти көрүп, сүйлөшүп көрмөк болуп келди. Аны короодон Бегулан тосуп алды.

- Сиз кимге келдиңиз? - деди Үпөлдү көрүп эле.

- Менби, Артыктын кайда жашаарын айта аласыңбы? - деп Үпөл эңкейе баладан сурады.

- Аа-а, менин атамбы, аны эмне кыласыз?

- Эмне дедиң? - Үпөл кызыктай болуп кетти. - Сен… сен Артыктын баласысыңбы?

- Ооба-а.

- Апаңдын аты ким?

- Жибек. Жүрүңүз, мен сизди атама алпарам, - деп шыпылдай алдыга жөнөдү. Үпөл делдирей баланы караган бойдон көзүнөн жашы куюлганын сезбей катып калды. "Каралдым ай, алаң көз ушул баланы эбак эле мага көрсөтпөйт беле, мага таарынчы тарабай безип жүрүп, ушул баласын менден алыстаткан тура", - деп турганда Бегулан кайра кайрылып келди. - Баспайсызбы?

- Азыр, садага, атың ким?

- Бегулан.

- Кайгылайын десе, келчи мага, - деди кемпир эки колун созо.

- Үйгө жүрбөйсүзбү?

- Келе гой, өөп койойун.

- Аный, бөлөктөргө өптүрбөйм!

- Эмнеге, балам?

- Апам үйрөткөн.

- Мен бөлөк эмесмин…

- Анан кимсиз?

- Чоң энең болом, келе гой.

- Анда эмнеге келбей жүрдүңүз?

- Мен… - Ошол кезде подъездден Кызжибек кирип келе жаткан эле.

- Апа, муногу менин чоң энем болобу? - дегенде Үпөл кара көз, кара каш, кымча бел, узун бойлуу али сымбаттуу мүчөсү көргөн адамды өзүнө тартчу аялды көрүп: "Аттиң, уулумдун сүйгөнүнчө бар тура, неге укпадык экен, бейиши болгур атасы болбой койбодубу", - деп тунжурай туруп калды.

- Жүрбөйсүзбү, атам үйдө, - деп Бегулан Үпөлдү колунан тартты.

- Келиңиз, кириңиз үйгө, - деди Кызжибек ыңгайсыздана.

- Аа-а, жакшысыңбы, айланайын?

- Жакшы, өзүңүздөр жакшы жатасыздарбы?

- Кудайга шүгүр, Артыкка жолугайын дедим эле.

- Кириңиз, - деп үчүнчү кабатка алып чыгып, эшикти ача: - Артык, сага киши келди, биякка келиңиз, - деп Үпөлдү төркү бөлмөгө киргизди.

- Садага болоюн, акыбалың кандай? - Үпөл бышактай Артыктын жанына отуруп жүзүнөн өөп, чекесинен сылады. - Жакшы болуп калдыңбы, балам?

- Жакшымын, апа, өзүң кандай жатасың?

- Баары жакшы, эки жаман бар, жалгыз эмесмин.

- Өзүңдү кара, апа, мен да ооруп калып, сага түйшүк алып келдим окшойт, - деп Артык өйдө болуп отурду.

- Түйшүктү мен тартпадым, балам, жанымда болсоң болбойт беле, үй-бүлөң туруп башка аялдын үстүнө кирип алганыңа балдарың таарынып жатат. Алар чоңоюп калышпадыбы, балам, Айзада ажырашам деген экен, биз болбой койдук.

- Апа-а, тим койсоңор болмок, анын дагы бактылуу болгонго акысы бар да, - деп Артык ары карап кетти.

- Апей ботом, ал бактылуу болбой эмне…

- Апа, ал өзү ошону тандап алган, болбосо биздин жолубуз эки башка болчу, бизге тоскоолдук кылды, жашоомдун жарым бөлүгүн өзүм каалагандай өткөрүүгө каршылык кылбагылачы!

- Капырай жашоомдун жарымын дебей сүйлөчү, андан көрө сакайып кетсең Сейтекти үйлөнтөбүз, дагы далай жакшылыктарды көрөсүң, балам, - деп эне эмеспи, Үпөл үрпөңдөй карады.

- Ооба, мени эми Жибектен ажырата албайсыңар, менин Бегулан деген балам бар, эгерде мени алып кетем деп келген болсоң убара болбо, апа.

- Жо-ок, балам. - Үпөл бир саамга ойлонуп отуруп калды. - Балам, Жибек жакшы келин экен, көргөндө эле байкадым, сен тандоодон жаңылбапсың, бирок пешене деген кыйын, садага, кудайдын буйругунан адам чыга албайт да.

- Түшүндүм, бирок мен Жибектен кете албайм! - деп жатып алды Артык. - Ансыз дагы өмүрүмдүн көбүн азап менен өткөрдүм.

- Мейли, кагылайын, аман эле болчу.

Ошол убакта Кызжибек чай алып келип, дасторкон жайды. Шааркан кирип учурашып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурду. Үпөл сыры кетсе да сыны кетпеген сулуулукту, аялдан издөөчү эң изги ыйык сапатты, сылык-сыпаалыктарды ушул аялдан тапты, ичинен сызып уулуна ыраазы болуп отурду. "Ушундай жакшы уулумдун түтөгөнүнчө бар тура", - деп оор түйшөлүп энеси менен кызынын алдында кичирейип турду. "Бийлик, байлык деп жүрүп адамдык сапаттын бийиктигин унутуп калдык, өз балабыздын бактылуу учурун оопасыз өткөрүп жиберген экенбиз", - деп ойлоду. Ооба, адам өкүнгөн учурлар болот, бирок ал учурда баары кеч болуп калган болот. Пенде… Адам пендеси кээде бул тирүүлүккө неге келгенин да билбейт, сезбейт. Кызжибек ушул жашоосуна ыраазы, биринен-бири зыңкыйган эки уулу өз алдынча болуп баратат, жүрөгү сүйүп, жан дүйнөсүн, бүт тулкусун арнаган адамынан көргөн уулу болсо сүйкүмдүү эдиреңдеп жанында, көңүлү тынып, жашоого суктануу менен карап калган. Апасы карыса да маңдайында акыл-насаатын айтып отурса, атасы картайганда эки уулдун атасы болуп келип-кетип турат. Адамга мындан өткөн бакыттын кереги не? Артык ошондон кийин кадимкидей болуп калды. Заман өзгөрүлүп элдин баары бизнеске ооду, колунан келгени иши илгерилеп, жүрбөгөнү банкрот деген балээге кабылып эсинен танып, алаканын шак коюп, үй-жайынан да ажырап калган убак. Кызжибектин соодасы жакшы болуп, күндөн-күнгө акчасы көбөйө берди. Артыкты эки баласы таптакыр кечирбей койду, ишти баштап өз аракетин көрүп алаксып жүргөндө Сейтек келди ага.

- Кел, уулум, кандай иш? - деп Артык ордунан тура калды.

- Мен сизге балаңыз катары эмес калыс адам катары келдим…

- Айта бер, кандай ишке калыстык кылмаксың? - Артык уулун сынай карап калды.

- Айтыңызчы, ушунуңуз туурабы?

- Эмнени айтасың?

- Апамды сүйбөй азапка салып, башка аялга кеткениңиз.

- Уулум, мен жүрөк каалоосун гана аткардым, апаңды балдарымдын апасы катары сыйлайм, өзүңөр башка келгенде түшүнөсүңөр.

- Ата, үйгө келиңиз, биз сизди үйдөн көргүбүз келет, - деди Сейтек атасына кайрылып. - Жашоонун эң маанилүүсү аял болсо эми сизге кайталоонун кереги жоктур, жок, бала дагы бир бөлүгү болсо анда чечиңиз, - деди да, чыгып кетти.

Артык ойлуу башын мыкчый отуруп калды. Мына тамаша, Айзаданы тоготпой басып кетчү эле, эми эмне кылат, туруп-туруп Кызжибекке жөнөдү, экөө көпкө сүйлөштү. Ошондон баштап ал өз үй-бүлөсү менен жашай баштады, кээде келип Бегуланды ээрчитип кетет. Кызжибек ага ыраазы, анткени жашоосунда көп жакшылыктарды Артык аркылуу көрдү. Бирок саамай чачы агарганча санаа тарткан мүнөттөрү түш жарымчалык сезилбей өзүн бактылуу адамдай сезүүгө аракет кылат. Кээде балалык байоо дагы, шайыр-шатман кезин эстеп, көл жээгине жалгыздап келүүнү адат кылып алган. Артык экөө далай жолу бул жээкте бактылуу көз ирмемдерди өткөрбөдү беле…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз