Айгүл ШАРШЕН


"Касиеттүү аял сыры"


Шермат демейдегидей эле түш көрүп жаткан. Бир кезде бир тааныш аял келип эле заматта апсайган желмогузга айланып: "Сен мени издеп тап, мени өлтүрүп кетишти, эгер таппасаң тынчтык бербейм", - деп муунтуп жатканда түшүнөн ойгонуп кетти. Кара терге түшкөн Шермат ордунан туруп сырткы бөлмөдөн суу ичип жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басылгандан кийин кайра ордуна жатты… Шермат жыйырмага чыгып-чыга элек жаш жигит, аскерден альтернатива жолу менен калып, ата-энесинин колунда. Эң кичүүсү болгондуктан короо-жайды карап, жайкысын чөп чаап, кышкысын мал багып келет. Сүйлөшкөн кызы бар, ал жылдыздуу кыз, өтө сулуу болбосо дагы мамилеси, назиктиги менен жагат. Акыл-эси да түзүк. Атасы Өмүраалы, апасы Айтолкун аны быйыл үйлөнтмөк болуп жаткан, өздөрү кыз тапса ага Шермат каршы болду. Назирага жолугуп, ата-энесинин сөзүн айтты эле Назира ага:

- Шермат, эгерде мени сүйгөнүң чын болсо, азыркы шартта ата-энемдин алдына келип алып кет, - деди жылмая.

- Болуптур, Нази, мен сени сүйөм, ошондуктан айтканыңды аткарам. - Шермат кызга ыктай бетинен өөп койду.

- Шермат, ушу кантип болсун? - Кыз таарына бетин басты.

- Уялбай эле койчу эми, акыры меники болосуң да, - деп жигит ого бетер ага жакындай колунан тартты, - Мендик болгон соң сенин баардык тулку боюң меники да, туурабы?

- Ага чейин ээнбаштык кылба, - деди Назира наздуу жылмайып.

- Жок дегенде бир эле өөп алайын.

- Койчу эми, ошондо көрөбүз.

- Бир өөп алайын да, - деп Шермат күлө кучактап калды. - Атамдар барса макул болосуңбу?

- Ооба, сен үчүн баарына даярмын.

- Алтыным, биз үйлөнүп баш кошсок бактылуу болобуз.

- А сен атаңдарга айттыңбы мени?

- Жок, айта элекмин.

- Качан айтасың?

- Бүгүн барып ачык айтам да, сенин үйүңө жөнөтөм.

- Макул. - Кыз уяла башын жерге салды. - Алар кимдер болуп келишет?

- Билбейм, өздөрү сүйлөшөт да.

- Макул, мени издеп калышпасын, сен үйүңө бар.

- Бир аз туралычы.

- Жо-ок, апам урушат.

- Койчу, чоңоюп калбадыңбы? - деп Шермат кызды имере кучактады. - Эртеңкиге чейин сени сагынам го.

- Сагынбайсың, мен барайын, - деп Назира Шерматты бетинен өөп коюп жүгүрүп жөнөдү. Шермат бетин сыйпалай колуктусун артынан жылмая карап туруп, үйүнө шайдоот келди. Бойдоктун кубанычтуу күндөрү ал үчүн өтө ырахаттуу өтөөр эле, күндүзү ата-энесине жардам берип, түнкүсүн Назира менен жолугушкандагы бактылуу көз ирмемдер менен жаштык ышкысын кандырат. Өмүраалы чай ичип отуруп, Шерматты карады:

- Ийи, балам, үйлөнөөр маалың келди, эми качан келиндүү кыласың, апаң болсо карыды, казан-аяк кармап жүрө береби?

- Ата…

- Сүйлөшкөн кызың барбы? - деди Айтолкун.

- Бар.

- Кимдин кызы?

- Арстанбектин, - деди Шермат башын кашылай.

- Ээ кокуй, жанагы чимкирик кызыбы? - Айтолкун чоюштай жактыра бербей жүзүн бурду. - Жыргайт экенбиз да келинге.


- Ой бала, сен чының менен ошону айтып жатасыңбы? - Өмүраалы баласын ормойо карады.

- Эмне экен, Назира жакшы эле кыз го? - деди Шермат.

- Мунуң жарабайт, келинди өзүбүз табабыз. Ысык чай иче турган жер болбосо, Арстанбектин куу казаны өмүрү кайнабайт, ушу жашка келип эшигине мал союп, киши күткөнүн көрбөдүм. Үйүнүн эшигине камыш каланып калса дагы жайы-кышы бозо уулап жүргөнү жүргөн.

- Кызынын жашоосу бөлөк да, атасы кандай болсо боло берсин, - деди Шермат дулдуңдай.

- Кой, балам, андан көрө тиги Эмилбектин кызын көрбөйсүңбү, өңдүү-түстүү да экен, бардар жердин кызы, ата-энеси да жакшы кишилер, - деди Айтолкун. - Бир көргөндө эле жакан мага.

- Назира деле жакшы кыз.

- Аныңды кой.

- Анда мен үйлөнбөйм! - Шермат туруп кетти.

- Балаң кургур десе, бир балээ болуп илинип алган жокпу ыя? - Өмүраалы аялын олурая карап калды.

- Кайдан билем, тоок сүйүү, чымчык сүйүүсүдүр да.

- Кой, мен Эмилбекке барып келейин, ошонун кызы дурус, энесин көрүп кызын ал деп бекеринен айтылбаган да, кемпир. Сен кийит-кечеңди камдай бер, дароо эле сөйкө салып туруп, кол менен алып келебиз. - Өмүраалы ушинтти да, эшикке чыкты. Ошентип Шермат Назирага эмес Нестанга үйлөндү…

Назира кымыңдай ичинен кубанып кийим-кечесин даярдап, башы-көзүн жууп, даярданып жатканда курбусу Уулжан келди.

- Бир жакка барасыңбы? - деди ал.

- Жо-ок, эмне болуптур?

- Жуунуп-таранып жатасың го?

- Жөн жуунса болбойбу? - деп күлүп койду кыз.

- Деги айтам да, - деген Уулжан унчукпай калды.

- Мен сага бир сыр айтайынбы? - деди Назира кайра күлө карап. - Мен жакында күйөөгө чыгышым мүмкүн.

- Койчу, кимге чыгасың?

- Өзүң тап.

- Шерматкабы?

- Билип туруп сурайсың.

- Кайдан билем, балким башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөбү деп ойлодум да.

- Шерматты сен билесиң, менин сенден башка курбум деле жок, сырымды сага эле айтам.

- Ийи анан, качан алып кетем дейт?

- Ата-энесине айтып, анан биздикине жөнөтөт экен.

- Бактылуу болгула, - деп Уулжан курбусун суктана карап койду. - Ата-энеси макул болоор бекен?

- Эмнеге болбойт, баласы өзүнүн каалаганына үйлөнөм десе каршы болмок беле?

- Билбейм, кээде ата-энелер эле каршы чыгат.

- Өзүңдүн Алмазың эмне кылып жүрөт?

- Жүрөт, сүйлөшүп жатабыз.

- Качан үйлөнөсүңөр?

- Азырынча дайынсыз.

- Аа-а, - деп коюп Назира өзүн чексиз бактылуу сезип турду. Уулжан аны менен көпкө сүйлөшүп отуруп, анан кетти. Назира болсо апасына да айтайын деп, оозун таптап барып тим болду. Ал күнү жер баспай, көпөлөк болуп асмандап учуп жүрдү. Эртеси эшигин таза шыпырып, үй ичин тазалап жаны тынбады, бирок Шерматтан дайын жок. Арадан төрт-беш күн өткөндө Уулжан шашыла келип, аны сыртка ээрчитип чыкты.

- Эмне болду? - Эч нерседен капарсыз Назира шашкалактаган курбусун таңгала карады.

- Сен Шермат мага үйлөнөт дебедиң беле?

- Ооба, эмне болуптур, ал аман-эсенби?

- Өлгөн жок. - Уулжан эки жагын каранып алды. - Ал сени сүйчү беле?

- Ооба дейм, ага бирдеме болдубу?

- Тирүү эле, жакшылап укчу, биринчи укканда аябай жаман болдум. Шерматтын ата-энеси Нестанга сөйкө салып, түндө эле алып кетиптир!

- Эмне-е?! - Назира оозун колу менен баса кетенчиктеп артка жылды. - Ушул чынбы? - деди көзүнүн жашын салаалата.

- Мен сага калп айтып жүрдүм беле, эртең менен барышыптыр, кечке ырым-жырымын жасап, кечке маал алып кетишиптир.

- Шермат кантип мени таштады, ал андайга бармак эмес, ал мени таштамак эмес! - деп Назира эчкирип ыйлап жатты.

- Нази, өзүңдү кармачы эми, эмне кыла алмак элең, Шермат эмне болуптур, толуп жатат эркек деген, багыңа дагы бирөө тургандыр.

- Мен аны сүйөм, Уулжан, ал мени таштабаш керек болчу.

- Мен сага жомок же калп айтканым жок, Өмүраалыныкында той болуп жатат, уктуңбу той! - деп Уулжан аны биротоло суутмак болуп катуу айтканда Назира мостоюп отуруп калды.

- Мен эртең шаарга кетем, үйдөгүлөргө айтпай кетем, эми бул жерде кала албайм, - деди жер карап көз жашын аарчый.

- Жинди болдуңбу, бараар жериң барбы?

- Жок, эптеп иш таап иштейм.

- Кайдагы иш, мурда иштеп көрбөсөң, өзүң кыйналып калба.

- Кыйналсам да кетем, кантип жүрөм биерде?

- Бекер кыласың, сенин Шермат менен сүйлөшкөнүңдү ким билип коюптур, унчукпай жүрө бер да. - Экөө көпкө сүйлөшүштү. Акыры курбусун сооротуп, көңүлүн көтөрүп коюп, Уулжан үйүнө кетти. Назира үйүнө жатып алып да көзү шишигенче ыйлай берди. Бирок эч жакка кетпеди, үйүндө жүрө берди. Бир күнү алагүү болгон Арстанбек үйүнө келип:

- Шуру, биздин кыз канчага чыкты? - деди аялын карай.

- Эмне кылат элең?

- Күйөөгө бериш керек.

- Эмне, кайсы күйөө алат сенин кызыңды? Үй деген аты бар үйүңдүн кебетеси бул, өзүңдүн кебетең тигил, көрүнгөн жерде бозо аңдып ичип, кечинде сасып келесиң үйгө. Азыр сен экөөбүздүн үрүп чыгаар итибиз жок, анан кыз берет имиш, эки балаң бутунда эчтеке жок окууга бара албай отурат, - деп Шуру күйөөсүнө жини келе алкынып бир тийди. Анын ачуулана турган жайы бар эле, жашоолору начар, ата-энесинен калган буюмдары эскирди. Шуру эптеп мектептин жанында пирожки, семичке сатып күнүмдүк оокатын өткөрүп каржалып да бүткөн. Назира улуусу, андан кийин эки уулу бар.

- Мен күйөө таптым, - деди Арстанбек аялынын сөзүн чымын чакканчалык да көрбөй.

- Ким экен ал? - Шуру дагы эмне балээни баштаганы турат дегенсип күйөөсүн акырая карап, сөз күтүп калды.

- Абдан бай, кызыңды кадырлап-сыйлап багып алам деди.

- Ой, ал ким дейм?

- Эмне бакырасың, энеңди. - Арстанбек аялына сөгүнүп алды.

- Айтпайсыңбы, ал ким экен?

- Эркебай.

- Эмне-е, оок куураган маң баш, сени алдап бозого тойгузуп туруп, ушуну айттыбы ыя? Ал сени менен тең эмеспи, кайсы бетиң менен Назини ошого ылайык көрдүң, акмак? - деп Шурунун аябай жини келип күйөөсүн жонго бир муштады. - Өлбөйт экенсиң го, куураган алкаш!

- Жапчы оозуңду, акыры күйөөгө барат да, кайда бармак эле? - деп жамбаштап жатты да, коркурап коңурукту кош тартып уйкуга кетти. Эшиктен кирген Назираны караган Шуру:

- Нази, менде биртике акча бар, сен шаарга кетип калсаң кантет? - деди.

- Эмнеге, апа?

- Жөн эле, өзүң көрүп турасың, биз кыйналып турабыз, сени окутуш биякта калсын кийим алып бере албадык. Кудай жолуңду ачып койсо, ишиң жүрүп бизге да каралашат белең. Турусбек менен Ырысбек болсо окууга барбай калды, - деп кейий сүйлөгөндө Назиранын жүрөгү канап кетти. "Атамдын кейпи бул болсо, жашообуз минтип жетип-жетпей жашасак мени ким келин кылам деп ойломок эле, апам туура айтат, минтип жүрсө атам мени бозого сатып да жиберет", - деп ойлонуп калды Назира. Ал сырттан кирип келе жатып баарын уккан.

- Макул, апа, - деди акырын.

- Оюна койсо бул сасык сени бозого айырбаштап ийчүдөй.

- Койчу, апа, кантип эле ошентсин, кызуулугунан айтып жаткандыр, - деп койду Назира.

- Айтпай кара жерге кирсин, бул убада берип койгондур, ким билет бу келесоону, - деп Шуру коңурук тартып жаткан эрин жек көрө карап алды. - Өмүр бою ушунун азабынан адам күтө албадым. Колуңда жок болсо бир тууганың да карабайт экен же силерди таштап басып кете албадым.

- Апа, оңолбосуна көзүңүз жетсе эбак кетип калбайт белеңиз, эмнеге өмүрүңүздү короттуңуз?

- Силерди атасыз калбасын дедим да, ажырашуу деген уят болчу биздин учурда, жаман болсо да эрим бар деп жүрө бердим да, кызым, - деп муңая кызын карады Шуру. - Эртең эрте сени шаарга салам, тиги дүкөнгө барып кеткенге кийе турган кийим алып берейин ээ?

- Өзүмдүн шымым менен кофтам болот, апа, жол кире болсо болот, аны өзүңөр кант-чай алып алгыла, - деп Назира болбой койду. Жараланган жүрөгү ачышып Шерматты ойлогондо тынч ала албай жүргөндө апасынын айтканы майдай жакты, жуунуп-таранып жолго даярданып жаткан. Уулжан адатынча шыпылдай басып кирип келди.

- Кандай, курбум, көңүл жайындабы?

- Сонун, - деп Назира күлүп койду. - Эртең шаарга кетип жатам.

- Эмнеге?

- Апам өзү иштегенге жөнөтүп жатат.

- Аа-а, кете турган болдуңбу?

- Ооба, жолум болуп жакшы иш таап калсам жакшы болот эле.

- Кудай жолуңду ачсын, курбум, мен зериккенимден эле сага келгем, бир аз сүйлөшүп отурайын деп.

- Жакшы болду, сен келбесең мен бармакмын, - деп эки курбу кобурашып отурду. Бир маалда Уулжан:

- Мен кетейин эми, кетсең жакшы бар, багың ачылсын, - деп тамашалай күлгөндө Назира да күлдү.

- Мени күйөөгө кетип жаткандай айтасың да?

- Эми алыс жолго кетип жатпайсыңбы, мени узатасыңбы?

- Ооба, кошо чыгайын, - деди Назира. Экөө ээрчише жолго чыгышты. Түгөнбөгөн сөздөр, бири-бирин кыйбай тура беришти. Бир кезде алардын жанынан жеңил машина өтүп барып, кайра бурулду да, кыздардын тушуна келип токтоду. Андан үч бала түшө калып, Назираны тыбырчылата машинеге салып, жөнөп кетишти. Уулжан эмне кылаарын билбей артынан таш менен ургулап кала берди, ыйлап кайда бараарын билбей турганда Шуру жүгүрүп келди.

- Эмне болду кокуй?

- Назини алып кетти, эже! - Кыз көзүнүн жашын көлдөтө жооп берди.

- Ким, каякка алып кетти?

- Билбейм, айткан жок.

- Катыгүн ай, ким алып кетти экен? - деп Шуру чыйпылыктай абысынынын үйүнө чуркады. Андан кийин Турусбекти өзүнүн инисине жөнөттү, сиңдисин дагы чакыртып чогулуп күтүп калышты. Эки-үч сааттан кийин көчө тарапка жаңы үлгүдөгү машина токтоп ичинен түшкөн адам бери басты.

- Арстанбектин үйү ушул бекен?

- Ооба, сиз кимсиз? - деди Шурунун иниси Аралбек.

- Кулдугубуз бар, кызыңар бизге келин болду.

- Кулдугубуз бар, - деп дагы бир кычыраган жигит анын артынан түшүп келди.

- Кулдугуңар кудайга, - деп Арстанбектин агасы Үрүстөмбек аларды утурлай басты. - Кызды айтпай-дебей жолдон ала качканыңар кандай? Эми кай жакка, ким дегенге келин болду деп жатасыңар?

- Тогуз-Булактагы Бектемир дегенге келин болду.

- Бектемир дейсиңерби, жанагы Кыргызстан эмес Америкага дагы, Түркияда дагы банк ачып, эки баласы Швейцарияда жашап жаткан Бектемирби?

- Ооба, билет экенсиздер го, алдыңыздарга бир аз ачуу басар менен көңүлүңүздөр алагды болбосун деп бизди жөнөттү эле, - деп машинадан беш-алты коробка, жашиктерди түшүрдү.

- Өзү ошондой чириген бай неме бизге окшогон колунда жок адамдын кызына кандай көңүл бурду экен?

- Балага кызыңар жагат экен, уулу өтө жоош, айталбай коюптур, ошентип сиздерди куда кылып олтурат, - дегенде Үрүстөмбек артындагылар менен кеңешип:

- Киргиле, кудалар, кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот деген ырас тура, үйгө киргиле, - деп аларды ичке ээрчитип кирди. Жупуну, кунарсыз көрүнгөнү менен таза, салкын бөлмөгө кирип орун алышты, өзүлөрү алып келген койду союп кудаларды коноктошту. Чынтемир, Бектемирдин иниси, чай ичип бир аз отургандан кийин өзүн тааныштырды да:

- Бул жеңетай тоюна, - деп төш чөнтөгүнөн акча алып чыкты. - Жүз миң сом, ушундай жакшы кызды өстүргөнүңүздөр үчүн ыраазыбыз, ачык айтканда күйөө балаңардын аты Элмирбек, - деп отургандарды кыдырата караганда ар кимиси ар кайсыны ойлонуп жиберишти. "Балким улгайган немедир, же акыл-эси кемби, болбосо ошончо даражалуу адамдар кантип бир итке минген бечаранын кызына кол сунсун, келин кылам десе өзүнө окшогон чиренгендер толуп жатпайбы, бир мандеми бар го", - деп күдүктөнүп отурушту. - Элмирбек келинден беш-алты жаш улуу, жоошураак, Назирадан башканы албайм деп ата-энесин кыйнап акыры максатына жетти, - дегенде баары жеңилдей түштү. Бири чай сунуп, бири коньяк куюп сунуп шыпылдап жатышты. Ошентип колунан келишинче ызаат-сый көрсөтүп кудаларын жөнөтүштү. Өмүрүм мындай акча кармап көрбөгөн Шуру улам көкүрөк чөнтөккө салган акчаны кармалап коюп: "Кызым бактылуу болсо экен", - деп ичтен сызат.

- Эми кууп барганга камынгыла, - деди Үрүстөмбек. - Андай мыкчыгерлердин сыйын көрөлү, кудай Назиге бак берсин, ылайым бактылуу болсун, айланайын.

- Айтканыңыз келсин, аке, ким ойлоптур Назини ушундай адамдар келин кылып алат деп, атабыздын кейпи тигил болсо, кыз жакшы болсо деле жердигине карашат азыр, - деп Шуру кайнагасына күйөөсүн колу менен көрсөтө айтты. - Бир менин тапканым эчтекеге жетпейт.

- Ээ балам, силердин дагы ырыскыңар ушуларга кошулуп калган, кыскасы эми кызды жер каратпай кууп барып келгенден кийин себине киришкиле.

- Акча болсо сеп деген жасалуу даяр сатып жатпайбы? - деди Аралбектин аялы Кундуз.

- Ооба десең, - деп Үрүстөмбектин аялы Айнаш тамшанып койду.

- Аке, бир машине сүйлөшөлү эми, сиздер барып келиңиздер. Нази эмне болуп жатты экен, көрбөгөн-билбеген жерге барып жаман болуп жаткандыр? - деп Шуру кабатырлана сүйлөдү. Аралбек заматта барып, досу Мирландын "Одиссейин" айдатып келе калды. Жети киши болуп Бектемирдин эшигине жеткенде эле топтолгон эл аларды тосуп алып үйгө киргизишти. Кундуз кайнежесинин тапшырмасы менен Назиге жолугууга кирди. Келгенден бери эшик-эилигин карап суктанып келаткан Кундуз Назираны көргөндө таң калганынан бир саамга дабдырап туруп калды. Назиранын кийгени аппак көйнөк, башына акыркы модадагы чачыктуу ак жоолук салынып, бутунда ак носки кийип калың төшөк үстүндө отуруптур. Көздөрү шишиген, бирок бактысына ыраазы болгондой, өзү дагы адеми кийингенге татынакай болуп көркүнө чыгып, жүзү нурданып калыптыр.

- Жеңе! - деп тура калды. Кундуз көшөгөнүн баалуулугун көрүп, өзүнчө ичи тарыды. - Жеңе! - Кыз жеңесин кучактап ыйлап ийди.

- Кандай акыбалың, зордук көргөн жоксуңбу? - Кундуздун адегенде берген суроосу ушул болду.

- Жок, жеңе, баары жакшы, - деп Назира көз жашын аарчый жер карады.

- Күйөө баланы көрдүңбү?

- Ооба.

- Жактыбы анан?

- Мынча келгенден кийин эмне кылам, жеңе?

- Бактылуу бол, садага, апаңдын тапшырмасын аткардым ээ? - Кундуз күлүп койду. - Деги күйөө баланын көрүнүшү дурус эле бекен?

- Жакшы эле.

- Анда мейли, келген жериңден бак айтсын, - деп өөп коюп, мейманканага кирди. Үйдүн жасалгасы көргөндөрдүн эсин оодарды, бирде-экиде мындайды көрбөгөн Айнаш улам Кундузга бирдемени нукуп көрсөтүп койот. Куда-кудагыйларын аябай коноктоп жатып Бектемир:

- Мен келинимдин ата-энесин алдырайын, эскиче эмес жаңыча эле кылалы, кийин деп отурбай балдарды жөнөтөйүн, - деди үстөлгө чалкалай отуруп.

- Эми алар кийин келе берет, Арстанбектин агасы Үрүстөмбек деген мен болом. Жай жарагы менен, кыш коногу менен дегендей жолугушуп чайлашчу күндөр алдыда, Назинин атасы менмин, - деп бакылдады Үрүстөмбек. Анткени Арстанбектин эки жакка киер кийими жогун ойлоп чочулап турушкан. Ага болбой Бектемир эки баланы кудасына жөнөттү. Арстанбек мас болуп уктап жаткан. Шуру аларга сыпайы гана жооп берди:

- Биздин улуубуз, кыздын атасынан да артык адам барды, эми биз өз жолубуз менен бараарбыз, көрбөсөм да кудаларга салам деп койгула.

- Кудагый, сиздерди алып барбасак болбойт, албай келбегиле деген, - деди келген жигиттин бири.

- Мен балдардан чыга албайм, атасы катуу уктап жатат, кокус ойготуп ийсек каарына калабыз, - деди Шуру сыр билгизбей. - Ачуусу өтө эле чукул.

- Жок дегенде сиз жүрүңүз, - деп жигиттер болбой койгондо Шуру аргасыз кийинип алып балдарына айтып, кошо жөнөдү. Алар бараары менен Шурулар отурган бөлмөгө Элмирбекти киргизип жүгүнтүштү. Күйөө баланы көргөндө Шурунун көңүлү жайлана түштү. "Кудайга шүгүр, өлсөк да өлүгүбүздү өйдө кылып койо турган болдуң, кызым, ушул жерден өнүп-өсүп, элиң-жериңде сыйлуу кары болуп өмүр сүрө көр, кудайым багыңды ачсын", - деп ойлоно бактысына тобо келтирип көз жашы тегерене түштү. Кетээрде кийиттин кымбатын кийгизип, бир койду бүтүн бышырып кешик кылып, Үрүстөмбектин алдына элүү миң сом коюп узатты. Эртеси эл ичи дүң эле дей түштү.

- Арстанбектин кызын Бектемир танбай-чанбай эле эң кичүү баласына алып бериптир дейт ай, - деди Алима деген узун кулак ушакчы келин.

- Алганынан дагы жүз миң сомду жеңетайына эле бериптир.

- Ай-ий ай, байкуш Арстанбектин каланган камышы эми алынат экен да, - деди бири каткыра.

- Кара кыздын агынан эмес багынан деген ушул экен да.

- Тиги Өмүраалынын баласы Шермат сүйлөшүп жүрчү экен, ошону алам десе чимкирик кызды алып бербейм деп коюптур эле, алар укса эмне дешти экен?

- Ой ошо насиби ошоякта экен да бечаранын.

- Ошону айтсаң, Бектемир балдары тың чыгып Американы да көрүп келиптир, ал тургай чалкалайт дейт тим эле.

- Анын малдарын эле он беш-жыйырма киши багат экен анан, байлыгы бүтүн Кыргызстанды бир жыл бакса жетет дейт. Эң кенже баласын окутпай коюптур, мал багып бизди караганга да бирөө керек, баарың чоң болуп кетсеңер кемпир экөөбүз эмне болобуз деп койгон имиш.

- Ошону уккан баланы айт, - деп аңыз кылып жатышты. Бул жаңылыкты уккан Шермат көпкө чейин жаман акыбалда жүрдү. Айтолкун ичтен кыжаалат болуп: "Бечаранын багы ачылган экен, жакшы кыз эле. Мейли, бир бала багыңа, бир бала шоруңа дегендей Арстанбектин багына төрөлгөн экен, биз келин кылып алсак Бектемир берген жүз миң сомду берет белек. Кой, ар кимдин өз турмушу, өз жашоосу бар", - деп тим болду.

Шермат Нестан менен сүйлөшпөсө да таттуу жашап жатты, бирок Нестандын кыялы чатагыраак болуп чыкты, кааласа жумуш жасайт, каалабаса түшкө чейин жатып алат. Кечинде жатканда Шермат аялына:

- Нестан, сен апамды иш жасатпай эле койсоң, келин алып колум узарат деген апам кайрадан казанга түштү көрүнөт, - деди.

- Кызык экенсиң, мен ата-энемдин төрүндө эчтеке жасачу эмесмин, колдорум эмитен тырышып, тырмактарым өспөй бузулуп баратат, - деп келин туйтуңдай ары бурулду.

- Сен тырмак өстүргүдөй шаар эмес да бу жер, анын үстүнө ата-энем картаң.

- Шермат, сен экөөбүз али жашпыз, шаарга кеткенибиз дурус го, эмнеге эле айылда калгың келет? - деп Нестан эрин кучактап жойпулана өпкүлөп кирди. - Кандай дейсиң, апамдарды көндүрөлү да шаарга кетелик, макулбу?

- Жок! - Шермат анын колун ары түртүп койду. - Мен ата-энемди таштап эч жакка кетпейм.

- Эмнеге агаңдар келип карабайт, алар сенден улуу эмеспи, а биз жашпыз, каалагандай жашоого акыбыз бар. Алар бала-чакалуу, айылга келип жашаса өздөрүнө дагы жакшы болмок. Биздин Бишкекке барып жашаганыбызга каршы болушса анда алар абдан акылсыз немелер экен, - дегенде Шерматтын жини келип кетти:

- Болду жетишет, кечээ келип алып менин агаларым жөнүндө кайдагы сөздөрдү айтпай.

- Шермат.. .

- Укпайм, ушундан көрө бойдок жүргөнүм жакшы эле.

- Аа-а уккамын, Шермат, сенин Назира менен сүйлөшүп жүргөнүңдү, ошого ичиң күйүп жатабы?

- Бай болгур, укта, сени менен сүйлөшүүгө да болбойт экен, - деп Шермат тескери бурулуп жатып алды. Нестан аны артынан кучактап алып көпкө сүйлөдү, бирок Шермат үн дебей койду эле бышактап ыйлай баштады. Шермат баары бир кылчайып караган жок, Назирага үйлөнбөгөнүнө өкүндү. Ошентип жатып уктап кетти. Катуу уктап кеткенби же уйку-соонун ортосундабы, айтор баягы бейтааныш аял дагы пайда болду. Адегенде алыстан көрүндү. Шерматтын бала чагы экен, бир кезде күтүлбөстөн аял саксайган желмогузга айланды. "Сен табасың аны, мени өлтүрүп кетишти, табышың керек", - деп тарбайган сөөктүү колдорун суна Шерматты муунтуп да: "Сен табасың аны, ал мени өлтүрүп кетти, издеп та-ап", - деп бакыра көздөн кайым болду. Шермат чочуп тура калды. "Бул эмнеси, мен эмнени табам, эмне деген түш болду деги, өлтүрүп кеткен ким, өлгөн ким?" - деп көпкө ойлонуп отурду. Бирок эч кандай жооп таба албады, соксоюп отуруп, кайра жатып уктап кетти. Эртеси эртең менен Нестан атамдыкына барам деп кетип калды. Ал кетээри менен Айтолкун баласына:

- Бу келинди тандап өзүм алып берген күнөө менде, балам, айла жок эми, эмне кылабыз, менин оюмдагыдай келин болот деп ойлодум эле, көрсө тандаган тазга жолугат деген ырас тура, - деп кейип кирди.

- Эми эмне кылайын, апа, жаман болсо кетирейинби?

- Кой, кокуй, кетиргени эмнеси, жаш эмеспи, кагылат, көнөт, анан эле өзү түшүнүп калат.

- Өзүңөр каалаган келин, эми өзүңөр жашай бергиле, - деп эшикке чыгып кетти, Айтолкун күнөөлүү болуп унчукпады. Өмүраалы болсо үндөгөн жок, жамбаштап жата берди. Шермат сыртта басып жүрдү. Нестандын келгенден берки кылган кыял-жоругун ойлоп: "Ушундай да ургаачы болот экен да, неге менин тагдырыма ата-энем кайдыгер карашты? Назира мындай эмес болчу, жакшы аял болмок", - деп ойлонуп жатты. Нестан үйүнө барып, апасына даттанып кирди:

- Мен шаарга кетели десем Шермат болбой жатат, апа.

- Шаарга барганы эмнеси, кайнене-кайнатаң эмне дейт, кокуй?

- Эмне десе ошо десин, башка балдары турбайбы, ошолор келип баксын, биз шаарга кетишибиз керек.

- Шермат эмне дейт?

- Ал кетпейм деп жатат.

- Анда унчукпа, шаарга эмне бар, күйөөң эмне десе ошол бол, - деп апасы Атырбү кызын тилдеди. - Атаң укпасын, чай-пай ичип ал дагы кайра үйүңө бар.

- Барбайм, Шермат менен жашагым келбейт.

- Эмнеге?

- Мен аны сүйбөйм.

- Сүйүүнү эмне кылат экен, үнүңдү бас дагы үйүңө жөнө!

- Апа-а.

- Үнүңдү чыгарба, күйөөңдүн айтканындай бол.

- Кетпейм.

- Сен жинди болдуңбу, эми баягы эркеликти ташта, күйөөгө тийген кыз ошол жердин ылайыгына карап жашайт, көнөт, кызым. Сенин ушинткениңди атаң укса экөөбүздү тең үйдөн чыгарып койот.

- Менин жашагым келбейт, ал мени менен шаарга барып жашаса жашайм, - деп Нестан ыйлап кирди.

- Ата-энени сыйлабаган кандай кызсың, биздин келиндер ушинтсе биз жакшы көрмөк белек. Шермат ата-энени сыйлаган бала экен, аялдын тилин албаган, азыр үйүңө кет, болбосо мени энем дебе! - деп Атырбү жини келип чыгып кетти. - Сени атаң келгенде бул үйдөн көрбөйүн.

- Апа-а.

- Апа дебе, мындан ары Шермат менен келип тур, болбосо көзүмө көрүнбө! - деди да Атырбү баштыкка салган майда-чүйдөсүн босогого алып келип койду. - Ал да үйүңө жөнө!

- Апа дейм.

- Сүйлөбө! - деп карабай койду эле Нестан ыйлап-ыйлап отуруп, акыры баштыкты колуна алды. Ал кетип баратканда алдынан Эмилбек чыкты.

- Нестан, качан келдиң, кызым?

- Жана эле…

- Кетип жатасыңбы?

- Ооба…

- Эмне ыйлагансыңбы? - деп Нестанды ээгинен өйдө көтөрүп көзүнө карады. - Эмнеге капа болдуң, кызым?

- Эмнеге капа болмок эле, бүгүн жатып кетем дегенинен мен урушуп койдум, күйөөсү турса биерге жатканы кантип болсун. Иттин үнү угулган жерде эрди-аял түнөбөйт, обу жок эркелетпей үйүнө кетир! - деп Атырбү чыкты.

- Эмнеге калам дедиң эле?

- Жөн эле.

- Кой, кызым, ыйлабай жүр, бирдеме бердиңби?

- Ооба, эт-май салып бердим.

- Бара гой, кызым, күйөө бала жакшы жигит, кадырына жетсең мындан да жакшы болот, кайната-кайненеңди сыйла, - деп Эмилбек кызын чекесинен өөп коюп ичкери кирип кетти. Нестан унчукпай кайра жөнөдү. Ал келгенде Айтолкун:

- Ырас келбедиңби, балам, белим ооруп тамак жасай албай жаттым эле, - деп кубанып кетти.

- Башым ооруп жатат, апа, - деп Нестан кабагын карыш түйө үйгө кирип кетти.

- Апээй ботом, эмне дейт, карангүн, келинге жарыбай калган экенмин да кокуй! - Айтолкун очорула ордунан туруп наалып казанын асып, от жагып, тууралган этти кууруган соң суу куйду да, унчукпай калды. "Курган жаным жакшыны жаман деп кесир кылыпмын, чимкирик деп чанып бекер кылган экенмин, аны чимкирик дебей эле келишкен адамдар келин кылып алды, мага чала, мага чала", - деп ойлонуп эптеп кечкиге тамак жасады. Нестан кыймылдабай жатып алган бойдон турбады. Шермат койлорун айдап келген маалда Айтолкун казандагы тамакты куюп алып жаткан.

- Нестан келбедиби, апа?

- Келген, ооруп жатам дейт.

- Үйдөбү?

- Ооба, - дегенден башка эне баласына ашыкча сөз айта албады.

- Нестан, тур, апама тамак жасатып коюп жатканың эмнең, уялсаң болбойбу, белим деп зорго жүрөт, - деп Шермат жини келе кирип эле үстүндөгүсүн ачып жиберди.

- Ооруп жатам.

- Каериң ооруп жатат?

- Башым ооруп жатат.

- Дары ичпейсиңби, ошентсе дагы апама казан карматканың туура эмес, Нестан. Мени менен жашайм десең ата-энемди менден да жакшы кара, ошондо гана мени менен жашайсың, - деп кайра чыгып кетти. Нестан жатып алып, көктүгүнө салып ыйлай берди. "Мени угуп да коюшпайт, эмнеге мындай, мен койкоюп гана сулууланып жүрүшүм керек эле, айылдан кантип кетсем экен?" - деп ойлонгон менен апасынын: "Мени апа дебе", - деген сөзү аны кишендегендей кармап турду. Эки-үч күн такыр ордунан турбады, тамак-аш дагы ичпеди. Айтолкун Атырбүнү чакыртып ийди. Атырбү тез эле келди, ал келгенде Айтолкун кемегеде тамак жасап жаткан, унчукпай келип учурашып, жанына көчүк басты.

- Балдар бир жакка кетти беле, кудагый?

- Жо-ок, Шермат мал кайтарып кеткен, кол караганча кайтарбаса эмитен чөп салганда болбойт, - деди Айтолкун.

- Нестанчы?

- Ал үйдө, ооруп жатам дейт, баягүнү силердикине барып келгенден бери жатат, доктурга көрүн десек укпайт, өзүң сүйлөшчү, кудагый, - деди Айтолкун казанын оттон чыгара. - Ий-йи кокуй белим, таптакыр эле белим жарабай калды, ботом, үйгө кирсең боло, кудагый.

- Сиз кирбесеңиз кантип кирем, бел оорубай анан, мен деле эңкейе албай калдым, жашың өткөндөн кийин ушул тура, - деп Атырбү Айтолкун менен ээрчише ичкери кирди.

- Нестан менен сүйлөшө тур, мен дасторкон салайын.

- Макул, - деди Атырбү, анан Нестан жаткан бөлмөгө кирди. Чүмкөнүп уктап жаткан кызынын бетин акырын ачты. - Нестан, сага эмне болду, кызым?

- Апа, эмнеге келдиң? - деп ал ыргып тура калды.

- Өзүң айтчы, эмнең ооруп жатат, врачка көрсөтүп келейин.

- Ошону да жеткире койдубу? - деп Нестан мурчуңдай ары карады.

- Ооруп жатам десең булар да коркот да, үйгө барып келгени ушинтип жаткан турбайсыңбы?

- Айта беришет.

- Эй кыз, тур врачка алып барайын.

- Эч жерим оорубаса элеби?

- Анда эмнеге жатасың, ботом, жаткандын бетин ары кылсын, эгер оорубасаң туруп иш кыл! - деди энеси акырая карап.

- Эмнеге кыйнайсыңар, кемегеге көө болуп иш кылгым келбейт.

- Жок дегенде кыймылда, келин болуп келгенден кийин сенин милдетиң, кызым. Кокус дагы ушинте турган болсоң биерге турба, үйгө да барба, каалаган жагыңа кет. Тилимди ала турган болсоң менин көзүмчө туруп ишиңе кириш, - деп Атырбү кудагыйы дасторкон салган бөлмөгө кирди.

- Эмне деди, доктурга бармак болдубу?

- Жок, көнүмүш баш оорусу бар, кээде кармап калат, дарысын алып келип берем.

- Ийи, ошондой эле болсун, бирок башы ооруса көрсөтүш керек го, кудагый, - деп тамакты алып келип онтолой ортого койду.

- Куда жок беле?

- Ал жүрөт бекерчи чалдар менен.

- Аа-а, эми кылаар иши болбосо жүрө берсин, карыган неме зеригет да, теңтуштарынын жанында жүргөн жакшы эмеспи.

- Ооба, керээли кечке тогуз коргоол ойнойт, көпкөндө эле ушул чалдар көптү, - деп Айтолкун күлүп калды. - Ботом зерикпеген эле аялдар экенбиз, өлөөр-өлгөнчө казан-аяктан кол бошобойт, тигил кем, бул кем, муну бүтүрөйүн деп өмүрдүн өткөнүн билбей көз жумуп кете беребиз, - деп Айтолкун чоң балганга тамак куюп жөнөдү.

- Аны эмне кыласыз, кудагый?

- Нестанга алпарып берейин.

- Ал келип ичет, үйдөн биз эркелетип чоңойттук, эми сиз жаткан жерине тамак жеткирип берсеңиз, ого бетер телтеңдейт да, тим коюңуз.

- Кой, карды ачып калбасын.

- Тим кой, кудагый, азыр өзү келет, - дегенде Айтолкун тим болду. Нестан баарын угуп турду, аргасыз апасынан коркконунан туруп келди. - Экинчи минте турган болсоң сени өзүм жетелеп барып талаага асып өлтүрөм. Эркеликти таштап турмушка моюн сун, атаң укса менден жаман кылат, күйөөдөн чыгып эшигибизге барсаң кабыл албайбыз.

- Апа, болдучу эми.

- Кудагыйды сыйлабасаң мени да энем дебе!

- Апа-а, - деп Нестан бултуя жер карады.

- Кана, мага айтчы, Шерматтан жаман сөз уктуңбу, же кудагый бирдеме дедиби?

- Жок…

- Анда эмнеге жатып алдың, жашагың келбейби, Шермат сага жакпайбы? - Атырбү кудагыйынын көзүнчө кызын катуу жемеледи.

- Жок деп жатам го?

- Анда унчукпай өз оокатыңды жаса, мага даттанып барчу болбо, үйгө барсаң Шермат менен барып жүр, уктуңбу? - Атырбү кудагыйына кайрылды. - Эми мен кетейин, кудагый, Нестанды сизге, сизди кудайга тапшырдым. Бири-бирин сыйлаша албаса, кетем десе жолун тоспоңуз, үйгө эмес каалаган жагына кете берсин! - деди да, өйдө болду. Айтолкун узатып чыкты. Экөө көпкө сүйлөшүштү. Нестан ыйлаган бойдон калды, үйгө кирбей эшикте жүн тытып отуруп алган кайненесине жини келди, бирок апасынын сөзүн эстеп эч айласы калбагандай үй ичин жыйыштырып, идиш-аягын жууп жатты. Ошентип Нестан апасынын күчү менен жашоого көз карашы өзгөрүп, күйөөсү менен ынтымактуу жашап калды. Бирок кайра-кайра кире берген түш Шерматты кыйначу болду. Ал эч кимге айтпай өзү менен өзү болуп жүрө берди. Дагы бир күнү түшүнө баягы эле аял кирип, аны ээрчитип жөнөдү. Узак басып барып бир чоң короого туш болду. Ичине киришсе эшигинде агала сакал бир адам турган экен.

Шермат аны көрүп тааныгандай тиги аялды карады. Аял: "Бул менин күйөөм, мени өлтүргөн ушул, издеп та-ап", - деп дагы муунтмак болуп келе жатканда ойгонуп кетти. Алактап зорго эс алды. "Бул эмнеси, мен же көзү ачык болбосом, же из кубар эмесмин тапкыдай, эмнеге эле мени тап деп кыйнап жатат?" - деп сары санаа болуп жатты.

Күндөр өтө берди. Нестан кош бойлуу, баягыдан сыныгып жашоону жакшылап ойлой баштаган. Улуу баласы Шамбет шаардан келип, ата-энеси менен сүйлөшүп отурду. Ал Шерматты аскерге барбаган соң окуп алсын дегенде Өмүраалы чочулай уулун карады:

- Ой, мен аны окутпайм, окуган силерби, жай гана турмуш кечирип, бала-чакалуу болуп жашай берсин.

- Ата, эптеп окуп алсын, кийинкисине жакшы, сырттан деле окуп алса алдыда кандай заман болот ким билет?

- Жок, болбойт, келиндин дагы боюнда бар, азгырба, апаң экөөбүз кантебиз булар кетсе.

- Макул эми, мен бирөөгө сүйлөшүп койдум эле, - деп Шамбет кетип калды. Шермат өзү дагы тамашакөй, оюнкарак жигит. Кээде айылдагы өзү теңдүү теңтуштары менен кечке жүрө берет. Анткени малын жайында кезүүгө кошкондон кийин бош калат, ал эми эгин-тегинди болсо сугарып коюп, кээде гана көрүп келет. Жолдо келе жатып урушуп жаткан эки баланы көрө кайрылып калды.

- Достор, эмнеге урушуп жатасыңар?

- Өзү, - деди алты-жети жашар бала тултуя. - Өзү баштады.

- Анан эмнеге өзүң чоң атаң канкор деп жатасың? - деди беркиси ага дагы атырыла. - Өлтүрөм сени!

- Аны элдин баары айтып жүрөт.

- Ким айтты, сен кимден уктуң? Жүрү атама барабыз.

- Кимдин баласысың? - деди Шермат эңкейе.

- Атам Даниярдын.

- Чоң атаң ким?

- Ормонбек.

- Аа-а, жогоруда жашайсыңарбы?

- Ооба.

- Анда урушпай жүргүлө ээ?

- Мен урушпайм, - деди Даниярдын баласымын дегени.

- Мен дагы урушпайм.

- Азаматсыңар, силер жакшы балдар турбайсыңарбы? - деп экөөнү элдештирип койду да Шермат Жолболду досуна барды. Ал үйүндө экен, жумушу жок жаштар зеригип карта ойношот. Бир аз пиводон сеп этип алып кечке маал кетээринде Шермат Жолболдуну карады.

- Сен Ормонбекти билесиңби, аны эмнеге канкор дешет?

- Билбейм, ошентип коюшат го.

- Кызык экен, - деп үйүнө келди. Нестандын төрөөр маалы болуп калган, Айтолкун эшиктин алдында жүн тытып отуруптур.

- Кайда жүрөсүң, балам? - деди ал.

- Үйдө отурганда эмне, балдар менен карта ойнодум.

- Нестанга отун жарып берип койчу, кыйналып жатат байкуш. - Шермат аялынын ажатканадан чыгып келе жатып эңкейе белин кармап туруп калганын көрдү да: - Нестан, сага эмне болду? - деп сурады. Ал үндөбөй кайкалай басып жөнөдү, Шермат жетип колтуктай калды.

- Белим жаман ооруп жатат, - деп Нестан ыйлап алыптыр.

- Төрөтканага алып барайынбы?

- Билбейм. - Тиштене туруп калганда Айтолкун жүнүн таштап туруп келди.

- Эмне болду, балам?

- Белим ооруп жатат.

- Ко-окуй, машийне алып келе кал, балам, толгоо башталып калган го, бол, балам, тез кел, - деп келинин эшиктин алдындагы отургучка отургузуп жанында турду. Шермат заматта жеңил машина алып келип дароо эле төрөтканага алып барышты. Нестан түндө төрөдү, Шермат уулдуу болгонуна кубанып үйүнө келди. Айтолкун аны карап эркелете кубанычын жашыра албай бирдемени издеп сандыгын ачып жатканда Шермат:

- Эмнени издеп жатасың, апа? - деди.

- Небереме керек болоор деп бекиткен момозуй бар, ошону алып ороо-чулгоо тигейин, балам, илгеркидей болуп азыр өздөрү бербейт.

- Аа-а, - деп тим болду.

- Мына, өзүң дагы ата болдуң, балам, ата-эне кадырын эми даана түшүнөсүң, бала деген кубаныч, бакыт алып келет. - Эне күлмүңдөй уулун карады. - Адегенде күлгөнү, андан кийин колдорун сермелеп талпынганы эбедейиңди эзип, бакыттын туу чокусуна чыгарат го, чиркин. Зээниң кейип турса да баланын кирсиз таза күлкүсүн, кыял-жоругун көргөндө баарын унутуп койосуң, баланын ырахатына батып кеткениңди сезбей да каласың, уулум.

- Эми көрөбүз да, - деп Шермат башын кашылай күлдү.

- Көрбөй-этпей эле баланын күлкүсүнө бөлөн, балам, ылайым эле чүрпөм аман болсун, - деп эне оролгон момозуйду айрып, ороого ылайыктап бөлүп, машинага тигип кирди. Нестан төрт кил төрөгөндүктөн бир топ кыйналып үч күн тура албай жатты. Төртүнчү күнү Шермат аялын санитаркадан чакыртып коюп тешикте турса келбеттүү, узун бойлуу, кийингени мыктай бир жигит келип туруп калды. Эптеп кыбырай басып келген Нестанга тамагын берип ийип, кайра күтүп калды эле:

- Чоң кыз, Назира деген келин түндө төрөдү эле, айтып койосузбу? - деди жанагы зыңкыйган жигит.

- Канчанчы палата?

- Тогузунчу.

- Назира дедиңизби?

- Ооба, - дегенде санитарка аял ары басып кетти. Шермат аны делдейе карап: "Назира дейби, ошол Назира эмеспи? Баса, ал дагы менден бир айдан кийин эле күйөөгө тийбеди беле, төрөгөн экен да, мен көрүнбөй эле койсомбу же билмексен болуп кандай келин болгонун көрсөмбү?" - деп оюн жыйынтыктагыча:

- Нази, акыбалың кандай? - деп жанагы жигит тешикке эңиле карап калды. Шерматтын жүрөгү лакылдап кетти, акырын уурдана караса Назира болтоюп толуп, үстүндөгү кымбат баалуу жумшак халаты өзүнө жарашып, башкача болуп калыптыр. "Мени көрсө ичинен жек көрүп тургандыр, көрүнбөй эле койойун. Мен ата-энемдин алдында алсыздыгымды билдирдим, өз каалаганымды, жүрөгүмдөн сүйгөн адамымды алдадым", - деп терезени карап туруп калды.

- Азыр барып алып келе калайын, сен тура тур, - деп күйөөсү чыгып кеткенде Шермат өзүн араң кармап бурулуп келди.

- Шерма-ат, сен кайдан? - деди Назира жылмая.

- Кечир мени, Нази, мен ата-энемден өтө албадым.

- Эчтеке эмес, Шермат, өзүм сүйбөсөм да мени сүйүп, бүт баарын мага арнаган адамга жолуккамын, бизди чынында кошпогон тагдыр күнөөлүү, сенде эмне…

- Мен баары бир өмүрүм өткөнчө сени сүйүп өтөм, Нази.

- Куру сөз… сенин үйлөнгөнүңдү укканымда кандай абалда калганымды билсең…

- Кечир, эмне төрөдүң, Нази, кызбы же уулбу?

- Эки уул. - Нази күлүмсүрөй карады.

- Эгизби?

- Ооба.

- Куттуктайм! - деп бажырая колун сунду.

- Рахмат, эми өткөндү козгогондо эмне, азыр менин жанымда сен бере албаганды берип, өз жүрөгүн алаканына салып мага тартуу кылган, дүйнөдө аз жолугуп, чанда болчу бакытты тартуулаган жарым бар. Ал келип калса жүрөгүнө жарака кетпесин?

- Жок-жок, Нази, сенин бактыңа балта чапкым келбейт.

- Сенин аялың төрөдүбү?

- Ооба, бир уул…

- Бир уул? - Нази күлүп жиберди.

- Макул, Нази, жакшы жүр!

- Өзүң дагы, кош, аман бол! - дегенде Шерматтын аялы арытан келип калды. Назира менен Нестан тааныш, Нестан аны көрүп эле:

- Назира, сен дагы төрөдүңбү? - деди.

- Ооба, түндө төрөдүм, өзүңчү?

- Мага беш күн болду, кызбы же уулбу?

- Эгиз уул.

- Оо-ой, эгиз төрөдүңбү?

- Ооба, экөө тең уул. - Ошол кезде Назиранын күйөөсү пакетке дары-дармек менен балага керектүү буюмдарды көтөрүп келди.

- Нази, мында баары бар, уулдарым жакшыбы?

- Баары жакшы, денсоолуктары абдан жакшы.

- Жаным, уулдарымды мен үчүн өөп кой, эртең апамдар болуп чогуу келебиз, буйруса жээнтек беребиз. Жакшы жат, көп кыйнала бербе, балдарды сестралар карашат, макулбу, жаным? - деп келинди өпкөндө Шермат өзүнчө туталанып Нестандын эмне деп жатканын укпай желкесинде сүйлөшүп жаткан сөздөрдү тыңшай катып калды.

- Жарайт, жаным, уулдарыбыз ишенимдүү багылып жатат, атам дайындап койгон тура, - деп Назира дагы күйөөсүн өптү. - Көрүшкөнчө.

- Эртеңге чейин, - деди да Элмирбек сыртка чыгып кетти.

- Шермат, сага эмне болуп калды, мени угуп жатасыңбы? - деп Нестан Шерматты көкүрөккө түрттү. Ал артын караса Назира эбак эле кирип кетип, тешикчеде эч ким жок экен.

- Эмне болуп жатасың? - деди аялына үңүрөңдөй.

- Мен сага сүйлөп жатам, а сен укпагандай дел болуп калдың да, же тиги Назираны дагы эле унута элексиңби? - деп кекетип кирди Нестан.

- Нестан, жоктон уруш чыгарбачы ээ, мен уулумду ойлонуп жатам, атын ким койобуз деп.

- Калп! - Нестан тиртеңдей кирип кетти.

- Нестан, Нестан дейм!

- Эмне? - Кайрылып сурады.

- Эртең эмне алып келейин, качан чыгарат экен?

- Мына, - деп Нестан кайра келди, - көрдүңбү, мен сага айтканымдын бирин да укпапсың, - деп бөйрөгүн таяна карады. - Эми мага келбе, сен жүрөгүңдөгү аял менен жашай бер! - деп кирип кетти.

- Нестан, токточу.

- Кете бер, экинчи келбе!

- Нестан! - деген Шермат умтула токтоду. "Бекер кылдым окшойт, эртең апамды жөнөтөйүн, эми мени менен сүйлөшпөйт", - деп шылкыя төрөтканадан чыкты. Үйүнө келсе Айтолкун токко тамак жасап жаткан экен. Демейде таптакыр акча көбөйүп кетет деп светти иштетпеген апасына таңгалып калды:

- Ыя апа, светти иштетпегиле дечү элең го?

- Аа-а, балам, карыганда заарканып калат экенсиң да, - деп үшкүрүнүп алды.

- Тамашаладым, апа, - деди Шермат күлүп, анан ойлонуп туруп: - Апа, Ормонбек деген ким? - деп сурады. - Аны эмнеге канкор дешет?

- Аны кайдан угуп жүрөсүң?

- Уктум, эмнеге канкор дешет?

- Балам, ал бир айтылган сөз, бирөө бирди, экинчиси дагы бирди айтат, далили жок сөз, - Айтолкун ойлуу унчукпай калды.

- Эмне деген сөз, жөн эле айта бермек беле?

- Аны эмнеге эле сурап калдың? - Айтолкун Шерматты ормойо карады. - Анын тагдыры да жаман жагына айланып барып, анан эч далили жок болгондон кийин койо беришкен.

- Эмне болду эле?

- Аялын өлтүргөн дешет.

- Канча жыл болду эле ага?

- Жыйырма жылдай болду го.

- Кызык экен, аялы экөөнүн балдары бар беле?

- Бар, үч уулу калды, келин бечара дайынсыз кетти…

- Ата-энеси, бир туугандары бар беле?

- Бар эмей, эки иниси, бир агасы бар, ата-энеси өлүп калган экен.

- Ошондой де…

- Аны эмне милийсадан бетер каздың, балам?

- Бүгүн угуп таңгалдым.

- Таңгалганда эмне ал бир өткөн окуя да, - деген Айтолкун өзү тааныган Гүлайымды көз алдына келтире мелтиреп өткөн окуяны эстеп отуруп калды. Бул окуянын башталышынан мурун эле Айтолкун менен Гүлайым жакын курбу эле. Гүлайым Айтолкун бир балалуу болгондон кийин Ормонбекке турмушка чыкты. Гүлайым башы оор, бир сөзүнөн кайтпаган аял эле. Айтолкун курбусу менен жакшы катышып, сырдашып көпкө отурушчу. Ормонбектин ата-энесинен калган тамы айылдын аягында эле. Алар жакшы жашап үч балалуу болгон кезде Гүлайым Айтолкунга келип ыйлап отурду:

- Айтолкун, ал мени алдап жүрөт, бирөө менен жүргөнүн билсем кетет элем, таптакыр башкача болуп калды.

- Жаман ойлоно бербе, Ормонбек жакшы адам, үч балаңар турат, кантип эле ошого барсын? - Айтолкун аны тынчтандырды. Анын улуу баласы Шамбет алтынчы класста окуп калган. Андан кийинкилери дагы окуп, Шерматы төрөлө турган болуп, айы-күнүнө жетип калган эле.

- Жо-ок, мени жинди кылат, Айтолкун, баштагыдай эмес, менден бөлүнүп өзүнчө жатып алат, түнү менен жоголуп таң атканда келет, келгенден кийин мени көрөйүн деген көзү жок болуп калат, балдарды дагы жээрип калды, - деп ыйлаганын токтотподу.

- Гүлайым, - деди Айтолкун, - сен экөөбүз аны аңдып көрбөйлүбү?

- Кантип?

- Мен сеникине барам, ал кеткенден кийин артынан аңдып кайда барганын билебиз да, экинчи барбай турган кылабыз.

- Ормон билип калса мени өлтүрөт.

- Анда эмне кылабыз?

- Тим кой, дагы байкап көрөм, - деп Гүлайым ойлуу отуруп калды. Айтолкун бир топко ар кайсыны айтып көрдү, бирок ал такыр көнбөй койду, акыры эмне кылаарын билбей үйүнө кетти. Ормонбек аны үйүндө күтүп жаткан эле, көрүп эле урушуп кирди:

- Балдарды таштап коюп кайда жүрөсүң, эмне өзүңдү-өзүң билип калдың беле?

- Эмне болуп кетти, балдар ойноп жүрөт, карды ток, ага эмне анчалык жиндендиң?

- Атаңдын баш-шы!

- Атама асылбай мага асыл, ал сага эчтеке кылган жок! - деп Гүлайым дагы тилин тартпай эрине атырылды. - Сен жөн эле Айчүрөк тапкансың го, көзүңө башка көрүнбөй калыптыр?

- Оозуңа карап сүйлө, ким экен ал?

- Өзүң билесиң да, качантан бери мени көрөйүн деген көзүң жок, эмне билбейт дейсиңби?

- Сен муздаксың, ташсың, уктуңбу? Мен башканы тапканым жок, жөн гана сенден бөлөк жаткым келет, а сен арам ойлоносуң. Кийинки кезде сен жуунбайсыңбы, бир жыт пайда болду, - деп Ормонбек күңкүлдөп ары карап кетти.

- Ооба-ооба, башка аялдын даамын таткан кишиге өз аялы ошондой болуп калат, көзүңдү ач, Ормон, мен эч качан сени кетирбейм, балдарым бар. Сени керек болсо ошол аялың менен кошо соттотуп жиберем! - деп бакырганда Ормонбек ага жетип жаакка бир чапты:

- Кайдагы калпты айтасың, жөндөн-жөн эле айта бересиңби?

- Калп эмес, сен чындыкка чычалап жатасың, балдардын башын аттап жүргөнүң үчүн кудай жазаласын сени! - деп эми Гүлайым ыйлай баштады. - Агам менен инилеримди чакырам дагы нары же бери болом!

- Эмне деп эле жатасың, эч кандай аял жок, мен өзүмдү башкача сезип жүрөм. Болду эми балдар көрсө эмне дейт, Субанбек чоңоюп калды, көз жашыңды тый дагы тамак жаса, кардым ачты, - деп Ормонбек аялын жумшак айтып сооротуп үйгө кирди. Балдары да келип, кичинекейлери ойноп, үй ичи шаңга бөлөнө түштү. Гүлайым аял эмеспи, эркектин жумшак сөзүнө жибип: "Мен жөн эле күмөн санап жатсам керек, кой, жакшынакай үй-бүлөмдү бузуп албайын, балдар чоңоюп баратат, сүйлөбөй эле койойун", - деп ойлоно өзүн-өзү алдап мээрмандыгы кармап, ичинен уяла тамак-ашын алып келди. Балдарын тойгузуп жаткыргандан кийин суу жылытып жуунуп, атыр себинип түнкү көйнөгүн кийип бөлмөсүнө кирди. Ормонбек унчуккан жок, аялын имере кучактап:

- Сен кыз жыттанып калыпсың го? - деди көз алдынан жаш ойношу Гүлнара кетпей. - Күндө мындай болуп турсаң жаныңдан кетпесмин.

- Койчу, Ормон, балдар жаш кол бошобой да калат. - Гүлайым наздана күйөөсүн кучактап өөп жатты, бирок Ормонбектин салкын мамиле кылып жатканын аялдык жүрөгү сезди. "Демек баары бир мен муну кармай албайт экенмин. Кандай неме болду экен, неге аялы бар кишини өзү азгырат? Адамдын убалын ойлобогон кандай аял деги, же күйөөсү жок немеби, балдары менен өзүнө эле окшогон бир аялдын көз жашы аны ойлонтпойбу?" - деп шалдая жатып калды. Бизнеси жок, бирин-экин ата-энесинен калган мал менен оокат кылып жаткандыктан кээде кант-чайдан, ундан тартыш болуп калышат. Андайда Гүлайым инилеринен, агасынан ун же буудай, жүгөрү алып келип, өп-чап эле жашашат. Ормонбек малын улантуунун ордуна, өлүп калды же ит куш жеп кетиптир деп бирден-экиден Гүлнарага сатып же союп берип койот. Ошентип үй-бүлөнүн ынтымагы кетип баратты, кээде келип Айтолкунга айтып жеңилдеп алганы болбосо Гүлайым чүнчүп кетти. Бир күнү Ормонбек эшикте туруп эле заматта көздөн кайым болду. Гүлайым короонун оозуна барып, эки жакты караса эч ким көрүнбөйт.

- Гүлайым, кимди күтүп жатасың? - деп калды маңдайлаш коңшусу Бекжан.

- Эч кимди, - деп артына бурулгуча ал басып келди.

- Сендей сулуу аялы бар Ормонбекте арман болбосо керек, - деп тийише акырын сүйлөдү.

- Кудайга шүгүр, бактылуу элебиз. - Гүлайым жактыра бербей кирип кетмек болду.

- Жүзүңдөн санааркоо гана көрүнүп турат, бактылуу аялдын жүзү эмес го? - Бекжан кычаштана сүйлөдү.

- Сен эмне мени шакабалагың келип жатабы? - деп Гүлайым аны ачуулуу карады. - Өз жолуң менен бол, аялың көрсө эшикке чыгарып койот!

- Койсоңчу, Гүлайым, мен сени көптөн бери жакшы көрөм, макул болсоң мен сага алтындын түрүнөн белек кылмакмын, - деген Бекжан болбой эле жакындай берди. Күн күүгүмдөнүп калган.

- Алтыныңды аялыңа бер.

- Аныкы толуп жатат, тажап да баратат, - деп Бекжан кытмырлана жакындап келип Гүлайымга эңкейе жылмайды. - Макул болосуңбу ыя, секет?

- Жинди, сөз жебеген акмак экенсиң, - деп короонун эшигин жаап Гүлайым кирип кетти.

- Ойло-он! - деп коюп Бекжан кала берди. Гүлайым үйүнө кирип балдарын тойгузду да, орун салып жаткырып коюп, кайрадан түбү жок ой-санаага чөгүп уктай албай түйшөлө берди. "Эмнеге биздин үй-бүлөбүз ыдырап баратат? Ормон мени неге жек көрүп калды, адегенде ал мени аябай жакшы көрчү эле, эмне жин тийди? Ошончолук эле ал аялдын менден ашыкчылыгы барбы, же мен унчукпай эле кете берсем бекен?" - деп ойлогону менен үй-бүлөсүн кайдагы бир аялга ыраа көрбөй жатты. Айылдагы күйөөсү жок бой келиндерди бирден көз алдына келтирип, Ормонбекти азгыра турганын элестете албады. Ал Гүлнараны таанычу эмес, ошондуктан эч кимисинен күмөн санабады. "Мен билгендердин бири эмес, бул айылга башка жактан келген неме болуп жүрбөсүн, кайдан келген, ким деген?" - деп жан дүйнөсү тынчый албай жатып таң атырып жиберди. Кудая тобо, көзүнө тирөөч коюп алгансып көзү илинээр эмес. Демейдегидей эле тирүүчүлүктүн күндөгүгө окшогон тиричилиги башталып, Гүлайым балдарын тургузуп, үйүн жыйыштырып, чайын берди. Анан көнүмүш жумуштарын жасап, улам короонун оозун карап, күйөөсүн күтүп жатты. Бирок анысы кашайып көзүнө көрүнбөдү. Кыжаалат болуп отурганда Айтолкун келди.

- Кандай акыбал, курбум?

- Өзгөрүү жок, уйку көрбөй калдым, жакында жинди болуп кетпесем болду.

- Кудай сактасын, өзүңө бекем бол, бир эркек деп өзүңдү кыйнап алба, - деп Айтолкун сыртынан айтканы менен коңшусунун: "Ормонбекти кудай уруптур, өзүнөн он беш жаш кичүү Алымбектин кызы менен ойнош болуп жүрөт дешет. Үйлөнөт экен, алар бири-бирин сүйүп, ал тургай тигинин боюнда бар имиш", - дегени кулагына жаңырып ашыкча сөз айтып жубатууга жарабады.

- Кызык, кандай аял болду экен ыя? - деди Гүлайым Айтолкунга карай, көздөрүндө миңдеген суроо тургандай, бирине жооп ала албай жатып, экинчисин берүүгө даяр.

- Ким?

- Ормон чыга албай калган аялды айтам.

- Койсоңчу, андай эместир…

- Сен өзүң айтчы, эгерде андай болбосо кайда барат, эмне кылып жүрөт, кечээ түштөн кийин кеткен боюнча жок, эгерде андай болбосо каякта жүрөт? - Ызадан үнү буула чыкты.

- Гүлайым, анчалык эле күйүп-быша бербечи, Ормонбек деле акыл-эстүү адам го.

- Ооба, акыл-эстүүлүгүнөн ушинтип отурат, мага окшогон маң башты келесоо көрүп жүрөт да, а мен али анын эмне кылып жүргөнүн билбей жинди болмой болдум. Өзүң ойлосоң, Өмүраалың эле бир күнү келбей калса сен эмне кылаар элең?

- Түшүнөм дечи…

- Ар бир эле аял күйөөсүн тарттырып ийип отуруп калгысы келбейт, Айтолкун, - деди Гүлайым чачтарын салаалай башын мыкчып.

- Аның туура дечи, аныгын билбесек кантебиз?

- Мен салынды катын болуп калгым келбейт, бирди көрсөтөм ага, шашпа көрөсүң, Айтолкун, же ошонун колунан бирди көрөм!

- Койчу, кайдагыны сүйлөбөй.

- Айтым койдум да, мунусун токтотпосо бирди кылам, - деп Гүлайым буулуга ачуусу менен сүйлөй берди, келгенин келип алып кете албай Айтолкун отурду. Бир кезде Шермат келип:

- Апа, атам чакырып жатат, - дебеспи.

- Келип калдыбы?

- Бая эле келген, - деп Шермат кетип калды.

- Аял менен жашыруун жүрбөгөн эркек жумушу жок эле жүрө бербейт, Өмүраалы го эч качан андайга дагы барбайт. Ормондун көтөрүңкү сүйлөгөнүн байкачу белең, же бир колунда бар неме болсо бир жөн, беш-алты жандык менен бир уйду карап отурабыз, жайы-кышы төркүндөрүмдөн буудай, картөшкө менен эт ташып келем, - деп эбиреген Гүлайымды кыялбай дагы бир топко отуруп, үйүнө кетти. Кечке маал үйүнө келген Ормонбек кабагын сала балдарына да карабай төрдө телевизор көрүмүш болуп чалкалап жата берди. Эң кичүү уулу Айбек:

- Ата, каякка бардың? - деди ага шынаарлай.

- Эч жакка. - Ормонбек ороңдой жооп кылды.

- Үйгө эмнеге келбей калдыңыз?

- Эмне суракка аласың, үйгө келсе тынчтык бербейсиңер!

- Балдардан тажагансың го? - Гүлайым туттуга карады. - Андай болсо жылуу уяңдан келбей эле койсоң болмок.

- Эй энеңди, эмне деп жатасың? - Ормонбек жаткан жеринен баш көтөрө калып ызырынды.

- Айбек, Субанбек, Съездбек, баргыла тигил үйгө! - деди Гүлайым балдарына. Алар жылып чыгып кетишти. - Ийи, сүйлө сүйлөчүңдү, айт айтчуңду, мынча болду ачык сүйлөшөлү.

- Эмне деп келжиреп жатасың ыя, деги сенин жаныңда турганча жоголуп кеткен жакшы! - деп күйөөсү ордунан тура эшикти карс эттире жаап чыгып баратканда:

- Мынча келип чечимиңди айта албаган соң келбей койсоң болмок! - деп артынан кобуранган Гүлайым терезеге келди. Ормонбек колун чөнтөккө салып сыртта турган экен. "Өлүп кана кеткир, актангысы бар, сениби шашпа, күн көргөзбөйм, ачыкка акыры чыгаарсыңар, же элден угаармын, тынчтык бербейм силерге", - деп көзүнө мелт-калт жаш толо күйөөсүн карап тура берди… Ормонбек эмне кылаарын билбей аркы-терки басып жүрдү, анын аргасы кете баштаган. Гүлнара түнү бою кулагын жеп уктатпай чыккан, анын оюнда Гүлайымды кетирүү керек эле.

- Менин боюмда бар, - деди тастаңдаган Гүлнара. - Эгерде аялыңды кетирип, мен төрөгүчө үйүңө алып барбасаң милицияга берем, боюма болтуруп коюп качып жатат деп арыз берем.

- Гүкү, койо турсаң эми, балдар бар да, ошону ойлонуп жатам, Гүлайым го кетет, - деди Ормонбек Гүлнараны кучактап өпмөк болуп.

- Тарт колуңду, аялымды кетирем, кетирем деп мени алдап жатасыңбы, сүйүүнүн көзү сокур деп, сени улуулугуңа карабай сүйүп калбаганда жаныма жолотмок эмесмин.

- Эми эмне кыл дейсиң, жаным? - Бүжүрөй карады Ормонбек.

- Аялың менен ажыраш, болбосо көзүн тазала!

- Эмне, көзүн тазалайм деп түрмөгө отургузганы турасыңбы, Гүкү, андан көрө тынч эле ажырашайын.

- Эмне кылсаң ошо кыл, бирок мен өз үйүмдө төрөбөй турган болойун, - деп Гүлнара терс карап кетти.

- Гүкү, кантип киши өлтүрөм өзүң ойлосоң, жашаганыбызга он үч-он төрт жыл болду, үч балабыз бар…

- Анда азыр жогол, мени ойлобой эле аялың менен балдарыңды ойлоп жатасыңбы, жогол азыр, эртең менен милиция барат, таарынба! - деп жиндене төшөктү тартып алып бакырып кирди. - Менин минтип отурганым, баланы төрөп берээрим оюңа да келбейт экен да?

- Гүкү жаным, буйруса ажырашам, сен төрөгөнчө сөзсүз үйгө алып кетем, көрөсүң го, сен экөөбүз гана жашайбыз, балдарды апама алпарып берем, Гүлайымды кетирем, - деп Ормонбек жалдырай баштады. Анткени Гүлнаранын ата-энеси менен баккан ата-энеси ага жашоосуна жетээрлик байлык берген. Гүлнара өтө эрке, баккан атасы заңгырата кызыл кирпичтен үй салып, ичин толтуруп берген, өзүнүн ата-энеси малын берген, ошондуктан күйөөсүн кетирип жиберип бой жашачу, жашы жыйырма жетиде. Күйөөсү Дастан абдан кызганчаак, кызыл камчы болгондуктан аны менен жашай албай, андан бери көп жигиттер менен жүрдү. Гүлайымдын тааныбаганынча бар, себеби ал коңшу айылда турат. Ормонбек үйүнүн ичиндеги крандан суу чыкпай трубасы бузулуп калганда барып оңдоп берип, ошондон улам Гүлнара аны өзү имерип алган эле. Ата-энелери келип, урушуп-тилдеп кеткенде боюнда бар экенин сезип калып, билгизбей төрөп алууну ойлогон.

Жаңыдан боюна болгондон кийин Ормонбектин оор басырыктуу экенин көрүп: "Менин балама буйруса ушул ата болот, көп болсо он жаштай улуудур", - деп, көргөн эле күнү чечип койгон болчу. Ошол күнү кыска юбка кийип, ачык жакасы көкүрөгүн зорго эле жапкан кофтасы менен маңдайында туруп:

- Байке, рахмат сизге, чай ичиңиз, - деди жылмая карап.

- Жо-жок, чай ичтим.

- Эмне үйүңүзгө шашып жатасызбы? - деген келин сынай карап коюп артына бурула кайнап жаткан чайнекти сууруганы эңкейгенде кыска этегинин астындагы эки эли турсасы көрүнө, аппак жоон сандары булайып ичке буттары көзүнө бир укмуш көрүндү Ормонбектин.

- Чоң кыз, мен кеттим, - деп ал эшикти көздөй бурулду.

- Чай кайнап калды, бир чыны чай ичиңиз. - Гүлнара коймолжуган каректерин кадап, буттарын кайчылаштыра дубалга жөлөнүп туруп калды.

- Макул эми, - деп өзү кыйшаңдап турган келинге Ормонбек ичтен суктанып көрсөткөн жерине отурду. Гүлнара үстөлдүн үстүнө баарын койду, эмнеси гана жок, Ормонбектин үйүндө момпосуй менен өрүк-мейиз биякта турсун кээде канты жок чай ичип калышат.

- Оо чоң кыз, бай турат экенсиз, күйөөңүз депутат эмеспи?

- Күйөөм жок, менин эки ата-энем бар, алар жакшы турушат. Баккан атам өз атама катташып алганымда ага өчөшүп ушул үйдү сатып берди, анткени өз атам дароо эле машина алып берген да, - деп күлүп алды келин. - Кыскасы, менин атам экөө, апам экөө.

- Жакшы экен, кандайча багып алышкан?

- Мен ата-энемдин эң улуу кызы экенмин, төрөтканада баккан апамдын бир тууган сиңдиси иштечү экен, гинеколог болуп. Анан ошол кезде апам төрөп калат, жети айлык төрөлүп ыйлабай түшүптүрмүн. Таежем өлгөн кыздын колундагы кагазды алмаштырып койот да, апама кызың чарчап калды деп айтат. Апам ыйлап-сыктап төрөтканадан чыгып кетет. Таежем мени эжесине күйөөсү экөө түндөп жеткирип бериптир. Экөө эки айылдан болгондуктан эч нерсе билинбейт. Мурункулар жаңы төрөлгөн кызды чарчап калган соң алып кетпептир, аны менин өз ата-энем алып кетип көмүп коюшат, ошол…

- Анан кантип кайра билинип калды?

- Ал дагы кызык, таежемдин түшүнө кичинекей наристе кире берет, ал турсун: "Мени өз ата-энеме кайтарып бер", - дей бергенинен улам апама келип кеңешет. Бирок соттолуп кетүүдөн коркуп үндөбөй жүрө бериптир. Мен күйөөгө чыгып калдым, баса тийген жокмун, өз атамдын агасынын баласы ала качып алды. Ошондо билип калган атам бир жеңемди жиберет.

- Эмне деп?

- Кызымды бербейм, алып кел деп.

- Анан?

- Анан алар мени чыгарбай туруп алды, а мага бала жагып калды, калам дедим жеңеме, жеңем кайра барып ата-энеме айтат. Алар жаман акыбалда калып айласы кеткен атам кат жазып жиберет, анда ал: "Саламатсыңарбы, Кожобек, менин сиз менен сүйлөшө турган сөзүм бар эле, бирок жетише албай калдым. Айтаарым Гүлнара сенин кызың… Түшүнүп турам, таң каласың, ал тургай ачууң да келет, жаман абалда каласың. Эмесе чындыгын айтып берейин: менин аялым төрөбөй жүрүп, акыры боюнда болуп, ай-күнү жеткенде төрөтканага барып, көз жарган. Бирок баары бир кызыбыз чарчап калды. Санитаркалар силердин кызыңарды биздин өлгөн кыздын ордуна жаткырып коюп адашып калышыптыр. Ким чечкени белгисиз колундагы төрөлгөндүгү тууралуу далил жазуусу түшүп калган экен. Ошентип ал жерде иштеген балдызым кызды бизге түндөп жеткирген. Тилекке каршы, балдызым эки жыл мурун өтүп кеткен, өлөөрдө айтып түшүндүрүп койгула деп сенин аялыңдын төрөгөндөгү картасын бизге берип кеткен эле. Менин ушундай кырдаалда айтканым туура эмес дечи, бирок айтпаганга болбой калды, эки бир туугандын баласы үйлөнгөнгө болбойт, баары бир ал сенин каның, Кожобек! Мени кечирээрсиң деп ойлойм, өзүң бил…

Гүлнара биздин карасак кара көзүбүз, түндөсү күйгөн шамыбыз. Апасы экөөбүз аны кудайыбыздай эле сезебиз, анткени Гүлнара тамтуң басып калганда аялым боюнда бар экенин билип үч күн ыйлады. Көрсө, таптакыр үмүтүн үзгөн экен да. Кичинекей кызыбыздын ак жолтой болгонун билдик. Ошентип бизге бакыт тартуулаган кыздын ата-энеси менен ушундай кырдаалда кездешүүгө туура келди. Эми Гүлнарага эч нерсе айтпагыла, калганын өзүңөр түшүнгүлө, биз Гүлнаранын атасы Токтомат жана апасы Сүйүмкан силерден кечирим сурап өтүнүч кылабыз", - деп жазыптыр. Катты окуган атам колдору калтырай мен отурган үйгө кирип барып, көшөгөнү ачып мени карап туруп калды, - деди Гүлнара жылмая.

- Анан эмне болду, кызык экен? - Ормонбек чындап кызыга сурады.

- Көзүнөн жаш куюлган чоочун адамды көргөнүмдө селдейип катып калдым. Отурган аялдар аны жаалап:

- Ой сага жин тийдиби, Кожобек, келиниңдин көшөгөсүнө киргениң эмнең? - дешип жатса да, болбой келип мени кучактап калды.

- Садагам, мен ишенген эмесмин, өлдү дегенде ишенген эмесмин, садагам кызым! - деп чекемен сылады, анан көшөгөнү ары көздөй кайрып туруп, мени эшикке жетелеп чыкты.

- Ой буга жин тийдиби, соо эмес бул, айткылачы Мусабекти, келинин алып калсын.

- Эмне болду буга, ыйлап алган го?

- Ким билсин, элде жок жорукту баштады.

- Шумдугуң ку-ур…

- Эми эмне болоор экен, Мусабектин жини жаман эле?

- Ооба десең, бет карашпай балээ болбосо болду, - дешип дүргүй кошо чыгышты аялдар. Кожобек үндөбөй мени машинага отургузуп, агасын ары ээрчитип барды да, ага катты берип коюп, өзү машинанын айдап жөнөдү. Мен унчукпай отура бердим.

- Кайда айдайын, кызым? - деди бир топтон кийин.

- Айылдын үстүңкү көчөсүндө.

- Жарайт, - деп мени улам-улам карап коюп кете берди.

- Жетип калдык, бул көк дарбаза.

- Аа-а келдикпи, анда сен кирип атаңды мага айтып кой, кызым, - деди мага жылмая карап. Менин таңгалганымды айтпаңыз. "Бул эмне деген киши, эмнеге мени алып келди, атама мени тапшырабы? Эл укса эмне дейт, өздөрү жеткирип коюптур деп кеп кылат го", - деп ызаланып, ыйлагым келип үйгө кирдим. Апам мени көрүп ыргып туруп, кучактап калды.

- Мени алып келип коюшту, - дедим мен буулуга. - Эл эмне дейт, апа? - Апамды кучактап ыйлап ийдим. - Атамды чакырып жатат.

- Кайда жүрөт?

- Эшикте, машинасында күтүп отурат, - дедим эле апам шашып калды, эмнеге алдастап жатканын түшүнгөн жокмун, ал дароо эшикке чыгып короодон атамды таап эшикке чыгарды. Эмнени сүйлөшкөнүн билбейм, мен ыйлап отурсам ата-энем менен кошо Кожобек кирип, төргө отурду.

- Ушундай, Кожобек, бизди кечир, эми Гүлнаранын көзүнчө ачык айтууга туура келет, - деп атам үнү каргылдана тамагын жасап мени карады. - Кызым, сен бир нерсени билип коюшуң керек, - деди оор күрсүнө. - Биз сени багып алганбыз…

- Ата-а…

- Ооба, кызым, сен бизди түшүн, апаң он жылдап төрөбөй калды, биз кудайдан бир кыз болсо да тилеп жүргөнүбүздө сени таежең түндөп бизге алып келип берди, башкасын ойлогонубуз да жок, колубузга тийген наристени экөөлөп үйрүлүп багып калдык…

- Мен анда кайдан алып келдиң, кимдин баласы деп сураганга акылым жетпептир, - деди Сүйүмкан дагы үшкүрүнө. - Жакында, эки жыл мурун сиңдим рак менен ооруп калды, ошондо гана сенин төрөгөн апаңдын төрөтканадагы картасын алып келип берип: "Мен күнөөлүүмүн, эже, сенин ыйлап жүргөнүңдөн улам эле эптеп алыштырып, делосун толтуруп сени кубантайын дебедимби, - деп ыйлаганда билдим…

- Ошондо дагы бир ооз бизге айтканга жарабадыңарбы? - деди Кожобек ачуусу келгендей. - Билсеңер балабызды өлдү дегенде кандай абалда калганыбызды айтпа, өлгөн кызды биздики деп көмгөнүбүзчү, бул биздин тунубуз эле го?

- Өзүң түшүнсөң, Кожобек, ымыркайында бакканга боор этибиз менен барабар болуп калды. Анан дагы Гүкүнү баккандан бир жыл өткөн соң балалуу болоорубузду угуп аябай кубандык, биз эч качан айтып, кызымдын көңүлүнө кир кетирмек эмеспиз. Айла жок иш болду, өз агасына нике кыйылып жатканын кайдыгер карап тура алмак эмеспиз, - деди Токтомат башын жерге салып.

- Бизди кечир. - Сүйүмкан дагы Кожобекти ыйламсырай карады. - Мейли арыз берсең арыз бер, ошондой болуп калды, Гүкүмсүз бизде жашоо жок! - деп соолуктап жаткан апамды карап жиндене кыйкырдым:

- Эмне эле болуп жатасыңар?

- Кызым, сен түшүн бизди.

- Сен эми бой жеттиң, - деп атам менен апам менин жаныма келип, эки жагымдан кучактады. Апам мени чачымдан сылап өөп да, ыйлап да жатты.

- Сени эч жакка кетирбейбиз, сен биздин гана ыйыгыбызсың, кудайым менин көз жашымды көрүп боору ооруп сени берген, садагам…

- Кой, кызым, - деди ошол кезде Кожобек, - сени ата-энеңден эч качан ажыратпайбыз, болгону өз ата-энеңдин ким экенин билгениң жакшы… - деп оор улутунуп алганда сырттан машинанын үнү угулду. Көп өтпөй эле үч-төрт киши менен эки аял үйгө кирип келишти.

- Бул эмне деген акмакчылык, каралуу баш адамды уурдап, муну сотко бериш керек! - деди Кожобектин агасы Мусабек кирип эле.

- Кызым! - деп бир аял мени кучактап ыйлап кирди, - каралдым, сенден үмүтүм үзүлбөдү беле-е? - деп буркурап жатты.

- Сиз… сиз кимсиз? - Мен аны өзүмдөн оолактата түрттүм.

- Мен сенин төрөгөн энең Айжамалмын.

- Менин атам Токтомат, энем Сүйүмкан гана, башканы тааныбайм! - деп ордуман туруп кеттим. Тигилер күпүлдөшүп жатты, мен эшикте ыйлап отурам. Ары кетип, бери кетип, акыры менин аман-эсендигимди, жакшынакай өсүп жатканымды кеп кылып токтошту. Атам шашыла эшикке чыгып союш союп, конок күтүүгө даярданып жатты. Иним менен сиңдим менин жанымда.

- Эжеке, эмнеге ыйлап жатасыз?

- Сизди ким урушту, эжеке? - дешип кайра-кайра сурайт.

- Мени эч ким урушпайт, Турар, сен сабагыңды окубайсыңбы? - деп инимди карадым. Ал чоңоюп онунчу класста окуса дагы мага абдан жакын эле.

- Жок, окубайм, сенин ыйлаганыңды көрүп кантип чыдайм? - деди жер карай. Сиңдим али жаш бешинчиде окуучу, ал андан бетер кучактап алып ыйлаганы турганын сездим да, күлүп көз жашымды аарчып экөөнү эки жагыма кучактадым.

- Алтындарым, менин бир боорлорум, - дегеним менен дал ушул экөө мага бөтөн экенин, кайнаса каныбыз кошулбасын ойлогонумда ичим ачышып туюк сыздап турдум. Канча отурганыбызды билбейм, биз кезде апам келип:

- Бөжөйгөн каралдыларым десе, жүргүлө тамак ичкиле, - деди үчөөбүздү бирдей кучактап өөп. Алар үчүн мен дале кичинекей бөбөк сымал көрүнөт окшойм, эч бир жумшап иш жасаткан эмес. Колунда бар болгондуктан менин айтканымды аткарчу. Конок бөлмөгө кирбей өз бөлмөбүзгө кирдик, апам бизге өзүнчө табакка эт салып берди. Үчөөбүз ичип отурганда атам кирди:

- Гүкү, жүрү туугандарың менен жакшылап тааныш.

- Ата, эчтеке уккум келбейт!

- Кызым, күнөө биздин балалуу болбой жүргөнүбүздө, сени биз атайын уурдаган жокпуз, сен биздин кызсың, ошол бойдон каласың, - деп бир саамга унчукпай туруп, кайра сөзүн улантты. - Бирок өз ата-энең менен жакшылап таанышканың дурус болоор…

- Ата, кайдагы сөздү чыгардыңар, менин ата-энем бир гана силерсиңер! - деп ыйлаганыма койбой апам дагы келип экөөлөп көндүрдү да, конок бөлмөгө алып кирди. Менин баккан апам кандай ыйласа төрөгөн апам андан бетер көздөрү шишип калыптыр. Мен кирээрим менен баары жапырт көңүл бура карап калышты.

- Келе гой, кызым, - деди Кожобек атам жанынан орун көрсөтүп. - Сага дагы кыйын болду, буга тагдыр гана күнөөлүү, кызым. Тун кызыбызды колдон учуруп жибердик деп ушунча жыл санаа тартып, кайдагы бир кызга куран окуп жүрсөк, эми минтип дили, дини да башка адамдарга берилип, бизди жээришиңди туура түшүнөбүз, садага. Бирок жакшы өстүрүптүр, ушуга шүгүр, - деди оор күрсүнө. - Сени туугандарыбыз менен тааныштырып, кайра алып келип койобуз.

- Мен эч жакка барбайм!

- Гүкү, - апам мага кайрылды, - кой, кызым, улуу киши, анын үстүнө өзүңдүн атаң, андай дебе.

- Кереги жок, минте берсеңер эки жагыңарга тең көрүнбөй баш оогон жакка кетем!

- Кой, кызым. - Атам акырын сүйлөдү. - Сени биз таштабайбыз, эки үйдүн ортосундагы эркебиз бол, кызым.

- Ата!

- Болду, мен сени ата-эненин сөзүн укпаган жаман кыз болуп өссүн деген эмесмин, айтылган сөзгө кулак сал! - деди атам ачуулана. Мен унчукпай калдым, анткени канчалык эрке болсом дагы атамды укпай койо алмак эмесмин.

- Сен баланы кудайдан сурап-тилебей адамдардан издеп, уурдап алганың балага катуу тийээрин, акыры кийин ала кушту атынан айт дегендей билинээрин ойлогон жоксуңбу? - деп Мусабек жини келе атама кайрылды.

- Кечириңиз, кудайдын буйругу менен Гүкү биздин колго тийип, андан кийин эки балалуу болдук, бул дагы болсо жараткандын өзү берген насиби, минтип табакташ, даамдаш болуп калдык.

- Аке, көп сөздү койолу дагы Гүкү менен сүйлөшөлү, соттошкондо эмне, Гүкүнүн ата-энесине күнөө такканга болбойт, - деди Кожобек атам.

Андан кийин дагы көп сөздөр сүйлөндү, түн бир оокумга чейин отурушуп анан кетишти. Мен тултуюп ата-энеме таптакыр сүйлөбөй койдум, алр мени тегеректеп алып сүйлөп жатышканда өз бөлмөмө кирип эшикти илип алдым. Экөө келип жалынып-жалбарып эшикти тыкылдатканына карабай жатып алдым. Ошол кезде Турар келип:

- Эжеке, ач эшикти, аччы дейм! - деп ыйламсыраганда гана ачып жибердим. Сиңдим Гүлгаакы уктап калган экен, Турар экөөбүз кучакташып ыйлап жаттык. - Эжеке, эми сиз кетесизби? - деди Турар башын шылкыйта.

- Жок, мен эч жакка кетпейм.

- Кетпеңиз, мен сизди жакшы көрөм.

- Мен дагы, дүйнөдөгү эң асыл адамымсың, Турар, экөөбүз бир тууганбыз.

- Эмнеге атамдар сизди башка бирөөнүн кызы дешип жатат, мен түшүнбөй дагы калдым, ушуга чейин айтпаган биротоло айтпай койбойт беле? - деди Турар.

- Айта турган кез болуп калган окшойт да…

- Сиз ошого ишенесизби?

- Ишенбейм, менин ата-энем Токтомат менен Сүйүмкан.

- Ооба да, атамдар бир кызык кишилер ээ, - деп Турар капалуу менин жанымда көпкө отурду. Көп өтпөй Кожобек атам бизди чогуу конокко чакырып, андан кийин эле агасы менен туугандары, карындашы, коңшулары чакырып коноктой берип, тажап да кеттим. Мени ала качып алган Кубаныч агам менден кечирим сурап жаңылышып калганын айтты. Ошентип өз ата-энем мени аябай сыйлап, атамдарга кийит кийгизип, бир жылкы сатып колума акча карматып койду. Ошентип мен ого бетер эркелеп башкача болуп кеттим. Атам: "Кийин күйөөгө чыксаң сөзсүз ушул үйдө жашайсың", - деп ушул үйдү салдырып берди. Өз атам машина алып берди…

- Демек сен бай аял экенсиң да? - Ормонбек күлүп калды.

- Ошондой десе да болот, эки атам эмне десем аткарат, Токтомат атам тамашалап күйөө сатып берем кызыма деп жүрөт, - деп Гүлнара каткырып күлдү.

- Оо, мунусу кызык экен, сатыла турган жигиттер чыгып жатабы анан?

- Четинен чыгат, бирок мага жакканы жок, - деди Гүлнара ойсоңдой.

- Сизге жагыш өтө кыйын болсо керек, - деди Ормонбек.

- Өтө кыйын, мага жакчу жигит али табыла элек. - Ушинтип Ормонбекти сырдуу карап, жылмайып койду. Кетээрде: - Келип туруңуз, - деди көздөрүн коймолжута. - Каалаган күнү келсеңиз болот, сиз үчүн үйүмдүн эшиги ачык.

- Жарайт, Гүлнара, - деп Ормонбек кетип калды. Ал үйүнө келгенде ары ойлонуп, бери ойлонуп көрдү, жүрөгү ошол бир көргөн көздөрү сырдуу келинди каалап турду, эңкейгенде көрүнгөн аппак ичке сандары, көкүрөгүнүн кош алмадай торсоюп турушу напсисин агытты, ошону гана эңсеп туруп алды. Эки-үч күн өзүн кармаган менен бир күнү атайын барды. Эшиги ачык экен:

- Оо, мен кимди көрүп турам, келиңиз, байке, - деди Гүлнара аны көрө калып.

- Кандай, Гүлнара, менин керегим тийбейби?

- Албетте, сиздей адамдын кереги тийбейт десем болбой калат го, кириңиз үйгө, - деди келин шаңкылдай.

- Рахмат, келинчек. - Ормонбек үйгө кирип, үстөл үстү толуп турганын көрдү. - Оо, конок келчүдөй го?

- Эч ким жок, ар дайым менин дасторконум ушундай.

- Жакшы экен. - Ормонбек төрдөн орун алды.

- Иштейсиңби?

- Кайдагы иш, азыр мен дегендер жумушсуз да.

- Ооба, мен жакында дүкөн ачсамбы деп жатам.

- Кайда?

- Үйдүн жанына.

- Жакшы болот, эгер жумушчу керек болсо жасап берем.

- Болду, жакшы төлөп берем, атамдарга айттым.

- Болуптур анда, - деп койду Ормонбек, андан ары сүйлөөргө сөз таппай унчукпай калды, Гүлнара чай коюп, маңдайына отурду.

- Алыңыз нандан, азыр мен куурдак жасай койойун, - деп Гүлнара тышкы бөлмөсүнө чыкты. Бир аздан кийин бир бөтөлкө арак алып келип: - Буга кандайсыз? - деди жылмая.

- Кээде…

- Анда бир аз эрмектешип отуралы, каршы болбосоңуз.

- Өзүң бил, - деди Ормонбек ичинен кымыңдай, заматта ал жаш келинди балыктай туйлатып, акышына рахаттанып жатканын элестетип шилекейин кылк жутуп алды.

- Келиңиз анда, өткөндө мындан бербегениме өкүнүп калдым, кээде унутуп калмай адатым бар, бүгүн өзүм дагы зеригип турдум эле, билгендей келип калыпсыз.

- Баш ооруп зериккенде басып келдим да, - деп башын кашылай отуруп калды.

- Келгениңиз жакшы болду, балдарыңыз барбы? - деп келин кашын серпе сурады.

- Үч балам бар.

- Жакшы экен. - Стакандарга куюп, бирин Ормонбектин алдына койду, бирин өзү кармап, ага карады. - Эмесе таанышканыбыз үчүн!

- Таанышканыбыз үчүн. - Ормонбек кагыштыра алып ийди.

- Мага таңгалып жаткандырсыз, кээде-кээде ичип койом.

- Эчтеке эмес, боло берет, мындай жашоодо ичүү ырахат да.

- Рахмат сизге, бир аз болсо да жалгыздыгымды унуттуруп койдуңуз.

- Бири-бирибизди колдобосок болмок беле, анан дагы сиздей сулуу келиндин көңүлүн ачпасак болобу, куру сөздү аяганда эмине?

- Сиз аялыңызды сүйүп үйлөндүңүз беле? - Көзүн ойноктото ачылып калган тизесин жабымыш этип сүйлөдү.

- Жок, кудай кошкон да.

- Жакшы көрсөңүз керек?

- Эми-и балдар дагы бар…

- Сүйүүгө ишенесизби?

- Билбейм.

- Кызык, сүйүүсүз дагы жашоо боло берет тура.

- Жашоо деген түркүн кызык окуяларга бай, сүйүүсүз жашоонун өзү бактылуу деп ойлойм. Сүйүшкөндөр бири-бирин алыстан гана байкашып, пакиза бойдон гана кээде өткөндү эстеп кездешип турганы жакшы. Чынында сүйүү тамшана айтып, суктанып жүрчү бир сезим.

- Туура айтасыз, - деп Гүлнара бошогон стакандарга арактан куйду. - Эмне болсо да бүгүнкү күндү жакшы өткөрөлүчү, жашоону ойлой берсең көзүңө тозок элестейт, келиңиз мындан алып койолу, - деп каткыра Ормонбектин колундагы стаканды өзүнүн стаканы менен уруп койду. - Таанышканыбыз үчүн ичебиз!

- Денсоолук үчүн ичели, - деп Ормонбек келинди коштоп койду. Ошондон кийин экөөнүн бети ачылып калды…

Ормонбек үйүнө келип карандай нан менен канты жок отурган балдарына бир аз боору ооруган болду. Эркек болуп туруп үй-бүлөсүн ойдогудай бага албаганына ичи тарыды, бирок аргасы жок эле. Алайын десе баары коңшу дүкөндө турат, бирок карыз болуп калса төлөш керек, артында жок болгон соң карызга алган нерсени бир отуруп түгөтүп экинчи күнгө дасторкон сыйпалагыдай болуп калат. Анан өзү дагы жаш денени сагынып туруп алды. Акыры Гүлнара бир ай өткөндө жыландын башын чыгарды.

- Ормон жаным, менин боюмда болуп калган окшойт, эми эмне кылабыз? - деди, мурун эле билинип калган түйүлдүгүн ачык айта албай.

- Эмне дедиң, эл эмне дейт, аялымчы?

- Мени ара жолго таштап кеткиң барбы, анда мен боюмдан алдырайын? - деди сынай.

- Ошондой кыл эми, мен эптеп аялымдан ажырашканча…

- Ажырашасыңбы? - Гүлнара Ормонбекти таңыркай карады.

- Ооба, акырындык менен ажырашам, мен сенсиз жашай албай калдым, - деп келинди кучактап өөп жанталаша алдына басып жыгылды. Экөө кайрадан төшөктө бири-бирине ырахат тартуулап, кара терге түшүп ойноп жатышты. Гүлнара андан эч нерсесин аяган жок, баарын алдына коюп, үйүнө келгенде дароо кийимин которуп, таза жуунтат. Ормонбек диванга жамбаштай жатып телевизор көрөт. Ширин винодон алып келип коюп, экөө кучакташып отуруп кагыштырып ичип, анан сорушуп калат. Бул жашоонун өзүнчө эле бейиши катары сезилип, Ормонбек келинден чыга албай калды. Бир күнү:

- Эртең апам келет, Турарды үйлөнтөбүз деп жатыптыр, - деди Гүлнара.

- Анда мен үйдө болойун.

- Ооба, бирок байка, акеси, аялың менен болгонуңду билип койом, - деп келин сөөмөйүн чычайтты.

- Жок, сөз берем, жаным, аялым менен болбойм.

- Чын эле сөз бересиңби? - Мойнуна колун орой жоодурап турду. - Мен сагынып кетем.

- Мен дагы сагынам, жаным.

- Балдарыңды кандай кыласың?

- Балдарды жакшы көрчү элем, үчөө тең эркек.

- Мен деле төрөп берем, бир эмес он эркек.

- Ыраспы, жаным? - Ормонбек аны бетинен өөп кучагына кысты.

- Неге төрөбөйт экенмин, керек болсо бешөөнү кыз, бешөөнү уул төрөп берем, - деди келин ансайын наздана.

- Алтыным, менин дагы тилегеним ошол эле, өзүм бир атадан жалгызмын, сендей сулуу, акыл-эстүү аялдан үйүм толтура бала, короом толо мал болсо бүт өмүрүм бактылуу болот эле, Гүкүш. - Экөө кайрадан төшөктө оонап жатышты. Сексен тогузунчу жылдын күз айы. Ормонбек үйүнө келгенде Гүлайым аны көзүнүн огу болсо атып ийчүдөй карады.

- Ийи, бир жерден кара үңкүрдүн жылуусун тапкансың го, балдардын башын аттап, алтын уяңды алмаштырсаң керек бир бейбакка?

- Бас жаагыңды, мен балдарды эч кимге алмашпайм!

- Ошондойбу? - Гүлайым жини келип кекете сүйлөдү. - А балдарды алда качан эле алмаштырып койгонуңду жашыргың келеби?!

- Гүлайым, ойносоң да ойлонуп сүйлө, - деп Ормонбек актанууга өттү. - Болбогонду сүйлөй бересиңби? - Анан башын жерге сала күңкүлдөдү. - Аялдардын арам оюна сөз жетеби, азыткы, ажыдаардын өзүсүңөр!

- Мен ажыдаар болсом карыш жылдырмак эмесмин, сен минтип көз көрүнө басып кетип, балдардын алдына алдагы арам жүзүң менен келмек эмессиң, Ормон! - деген Гүлайым булкуна ичкери кирип кетти. - Менин дагы эч кимден кемчилигим жок, бойомосуз эркекти тартып алууга күчүм жетет, болгону тажрыйбам жок, Ормон, жүрөктү оорутуп бир күнү келип үч күнү жоголгуча биротоло келбей койсоңчу!

- Эмне, өз үйүмдөн өзүмдү кубалайсыңбы? - деди артынан кирген Ормонбек.

- Кубалабайм, сен өзүң кетүүгө аргасызсың!

- Гүлайым!

- Болду, мен сенин сөзүңдү укпайм, бул үй балдардын энчисине чоң атасынан калган, сен ошол катын менен биротоло жогол!

- Ата, апамды урушпачы! - деп Айбек келип тизесинен кучактап калды. - Урушпачы, ата.

- Урушканым жок, балам, апаң өзү эле сүйлөп жатпайбы, Субанбек байкең кайда жүрөт?

- Субанбек байкем менен Съездбек байкем мектепте.

- Сен окууга барган жоксуңбу?

- Менин түштөн кийин окууга бараарымды унутуп калдыңбы, ата?

- Эси-дарты башкада болсо, силердин окуган-окубаганыңар буга бир тыйынга татыбайт, - деди Гүлайым кычаштана.

- Балдардын көзүнчө ар демени сүйлөй бербе, эн-неңди, акмак! - Ормонбек аялына үтүрөңдөй карады.

- Айбек, барып ойноп келчи, - деди Гүлайым.

- Эч жакка барбайт, жүрү, уулум, кеттик сыртка, Субанбек менен Съездбек келгенче экөөбүз сүйлөшөбүз, - деп Ормонбек Айбекти ээрчитип сыртка чыгып кеткенде Гүлайым босогого шалак эте отуруп алып ыйлап ийди.

- Мынчалык эмнеге таш боорсуң, жараткан, үй-бүлөбүз сууп, ажырым болуп баратат, - деп шыбырай жүзүн басты.

Ормонбек үй-бүлөсүнүн жашоосу тозокко айланып, ортолору акырындап ажырап баратканын сезсе да, мойнуна алгысы келбеди. Аялын жек көрүп баратканын гана сезе баарына кайыл болуп жатты. "Ажырашса эмне экен, менден башкалар деле ажырашып, башка аял алып жатпайбы. Гүлайымды көндүрүшүм керек, тынч ажырашалы деп айтайын", - деп ойлогону менен өзүн көргөндө эле атырыла ар кайсыны сүйлөгөн аялына антип айтуу кыйын болду. Убакыт өтүп баратты, кийинки күндөрү Гүлнара ал келээри менен эле:

- Эмне болду, аялыңа айттыңбы? - деп сурап кирет. Жооп таба албаган Ормонбек жер карай күңкүлдөп калат. Бүгүн дагы көрүп эле сураганда:

- Айтканда-айтпаганда не, баары бир сени мененмин го? - деди көзүн ала качып.

- Аа-а, сен анда чиновниктердей гана бирде анда, бирде мында келип жүрө бергиң келеби? - Гүлнара мыскылдай күлүп койду. - А-аа сенин ал чиновниктердей байлыгың жок да, биринен-бирине өтүп, закондуу аялы менен бактылуу жашай бергидей, туурабы?

- Гүкү, койчу эми, акырындап ал өзү эле кеткидей болот, көрөсүң го, - деди бүжүрөй.

- Болду, мындан ары келгениңди токтот, мен баланы төрөп өзүм эле багып алам, бара бер өз аялыңа! - деп Гүлнара аны кетирмек болду.

- Ал эмне дегениң, Гүкү, мен сенден эч кайда кете албайм.

- Кетпегенде эмне кылмак элең, аялың менен ажыраша албасаң тишиңдин кирин соруп жашай бер.

- Кетем, болгону бир аз убакыт бер.

- Кантип уялбай айтып жатасың? - Гүлнара көздөрүн чакырайта карады. - Дагы канчага алдамаксың, ыя?

- Алдабайм, жаным, бир аз күндө андан биротоло кетем! - деп аны кучактап жалынып кирди Ормонбек.

- Болуптур, - деди Гүлнара кыйгачтай карап, - мен сага бир жума убакыт беремин, ошол убакытта бүтүрө албасаң келбей эле кой, уктуңбу?

- Жарайт, алтыным, бир жума ичинде бүтүрөм, аны кетирем да, сени үйүмө алып кетем, жарайбы?

- Ишендим, - деп кытмыр жылмайды Гүлнара. Ошол күндүн эртеси Ормонбек эртелеп үйүнө келди. Гүлайым балдарын сабакка жөнөтүп, Айбектин батиңкасын эптеп өзү жамап отурган.

- Ата болуп балдарга бир пайдаң тийбесе, буларга караганда жетим балдардын көргөн күнү өйдөрөөк, - деп күйөөсүн көрүп эле ажылдап койо берди.

- Эн-неңди урайын ажылдаган, эмнеге эле үйгө келсем каңкылдай бересиң, - деди Ормонбек жер караган бойдон. - Ушу сенден тажап дагы бүттүм.

- Тажасаң келбе, сени сагынып күтүп жаткан ким бар, балдар сени унутуп да кала турган болду. Кечээ эле агамдыкынан бир кап буудай ун алып келдим, ширин менен этти болсо унуттук, агама ошонун баарын айткандан уялдым. Кой менен эчкилердин болсо улак-козусун жылына өлдү-өлдү дешет, кантип эле жылыга өлүп калсын? Быйыл күздө төрт эчки, төрт койду агама жеткирип берем, ал өлтүрбөй-этпей көбөйтүп берет. Балдар чоңойсо кийими да чоңоюп, чоң акчага келет экен, а сен өзүңдү гана ойлонуп калдың.

- Гүлайым, сен экөөбүз ажырашышыбыз керек!

- Эмне-е?! - Гүлайым ыргып тура калды. - Сен мени менен ажырашасыңбы?

- Ооба, мен башка аял менен жашайм!

- Ош-шондой де… - Гүлайым муундары калчылдап жини келгенинен сүйлөөгө кудурети жетпей туттуга күйөөсүн жалдырай карап туруп калды.

- Гүлайым, сен мени туура түшүн, мен аны жакшы көрүп калдым, андан ажырай албайм, баланын каалаганы сенде болсун, ал да, үйдөн кет!

- Менби, мен үйдөн кетишим керекпи?

- Ооба, мен ата-энемден калган үйгө өзүм гана ээлик кылуум керек, анын боюнда бар, эгер төрөсө ушерди балама өткөрүп берем. - Ормонбек ушинтип душманын жеңип мөрөй алгандай дердейе айтканда Гүлайымдын жини келип кетти:

- Мен бул үйдөн карыш чыкпайм, бир эмес үч уул төрөдүм, кетсең өзүң кет!

- Гүлайым, мен сени менен тамашалашкан жокмун, сен кетишиң керек, мен сени бул жерге калтырбайм!

- Эч кандай акың жок, баланы мен башка жактан ээрчитип келген эмесмин! - деп Гүлайым идиш-аягын калдыратып кирди. - Келгени жыргаткан жоксуң, ашка жетпеген жашоодо жашап келе жатам. Эми сени сотко берем, кандай кылышты сот чечет! - деп эшикке жөнөгөндө Ормонбек аны аткый карыдан алды:

- Сен мени сотко бересиңби?

- Ооба, ажырашуу үчүн сотко берем, сот адил чечсе бул үй мага, балдарыма калат, сен ошол катыныңдын үстүнө күч күйөө болуп жүрө бер!

- Эн-неңди! - Ормонбек аялын жаакка чаап ийди.

- Эмне чабасың? - Гүлайымдын көздөрүнөн жаш мөндүрдөй жаап, ызалуу карады. - Сенин барыңа да, жогуңа да чыдап жашап жүрөм, балалуу кылдым, сенин мага кол көтөргөнгө акың жок!

- Акым жок экен да? - деп Ормонбек аны дагы чапты. Артка кетээнчиктей берген Гүлайым түшүндө көргөнүн саамга эстей оозуна сөз келбей мелтиреп туруп калды. Ал түндө түш көргөн, ээн талаада кетип жатыптыр, как эткен карга, кук эткен кузгун жок, күндүн көзү көрүнбөйт, айланасы бозомук тартып жападан жалгыз, кете берди, кете берди. Бир кезде ылдый көздөй кеткен жол көрүндү. Ал жактагы жарыктын шооласын беттеп ылдый түшүп баратып жалаң өлгөн адамдарды көргөндө таңгалып койот. Арасында көп жыл илгери өлгөн тайкеси, чоң энеси менен чоң атасы, аппак кийинип алып, эч нерсе менен иши жок эле кайдыгер өтүп кетип жатышты. Гүлайым чоң атасы менен чоң энесин көрүп кыйкырса үнү аларга эмес өзүнө да угулбады. Бир убакта колунан бирөө жетелегендей алдыга кетип бараткан, алдынан атасы менен апасы чыгып калды. "Кызым, биз сени көптөн бери күтүп жаттык эле, ырас келбедиңби, ал дүйнөнүн ачуусу сени зоруктуруп ийдиби? Чоң атаңдар келгениңди каалабай жатат, биз сенин кыйналганыңды көрүп-билип туруп чыдабай кеттик. Келе гой, кызым, көп түйшүктөн арыласың, келе гой", - деп колун созуп апасы өзүн көздөй басканда Гүлайым дагы ага бой урду. Экөө кучакташып турганда ойгонуп кетип: "Бул эмнеси, өлгөн кишинин кел дегени жаман болот дечү эле", - деп ойлоп койду. Анан эрте туруп жыт чыгарып, балдарын сабакка жөнөткөн соң батиңка жамап отурган. Оюнкараак Айбек үйгө турбайт. Гүлайым ушуларды ойлонгуча көз ирмемчелик убакыт өттү. Ошол учурда Ормонбек аны ичке бир тепти эле, аялдын башы идиш-аяк койгуч тумбочканын жанындагы кирпич плитанын темир кырына тийди. Адегенде кулак үстү менен тийген Гүлайымдын башынан кан атып кетти. Ормонбек коркконунан башын көтөрүп:

- Гүлайым, көзүңдү аччы, - десе да, андан дайын болбоду. Эсине келе албай алдастаган Ормонбек кан жерге агып жайылып баратканда эшикти ичинен иле салып, бир төшөктү алып келип кандын үстүнө төшөдү. Гүлайымдын башындагы жоолук менен канап жаткан жерин катуу таңды эле кан токтоп калды. Анан төркү бөлмөгө көтөрүп кирип, керебеттин алдына киргизип, үстүн төшөктөр менен жаап коюп, эшикке чыкты. Эки жакты карап кайра кирди да, кан болгон жерди кырып-жышып тазалады. Түшкө жакын Айбек келип:

- Апам кана? - деди.

- Мен келсем жок экен го. Сен кайда жүрдүң?

- Видик көрдүм.

- Сабакка барасыңбы?

- Ооба, - деген бала шкафтан кийимин алып кийип, сумкасын асына эчтеке ичпей чыгып кетти. Төркү бөлмөгө эч ким кирчү эмес, Гүлайым ал жакты тазалап-шыпырып жаап койчу. Ормонбек эшикти ичинен илгенден кийин төшөктөрдү сыйрып, шырдакты ары түрттү да, полдун эки-үч тактайын чыгарып, даярдап койду. Аңгыча Субанбек менен Съездбек келип калды. Алар түшкү чайын ичип жатып:

- Апам каякка кеткен? - дешти жарыша.

- Билбейм, келсем жок экен.

- Үйдө эле калбады беле?

- Дагы бир жакка кетсе керек, - деп койду Ормонбек, ал өзүнчө жаман болуп турган эле, бала немелер эч нерсени байкашкан жок.

- Ата, биз футбол ойноп келбейлиби? - деди Субанбек.

- Каякта ойнойсуңар?

- Мектепте эле, - деди Съездбек.

- Мейли, - деп акырын айтты Ормонбек.

- Сиз эч жакка кетпейсизби?

- Жок, апаң келсе сүйлөшөм.

- Эмнени, ата? - Субанбек атасын көңүл бура карады.

- Жөн эле, сөз бар.

- Макул, биз кеттик. - Эки бала чыгып кетти. Съездбек менен Субанбектин ортолору бир жаш, удаа болгону менен ынтымактуу, ар убак ээрчишип жүрө беришет. Эки уулу чыгып кеткенден кийин терезеден аларды карап туруп, эшигин кайра бекитти. Анан дароо ишке киришти. Полдун алды өтө терең болчу, ага түшүп жерди каза баштады. Тердеп-кургап жанталаша казып бүттү. Анан аялынын жаңы сууй баштаган жансыз денесин канга чыланган төшөгү менен кошо күшүлдөп-бышылдай чуңкурга сүйрөп келди. Ичине салып, үстүн кайра топурак менен жаап туруп тегиздеди. Полдун тактасын билгизбей орду-ордуна кагып койгондон кийин эшикти ачып үй ичин желдетип, кандын жытын тазалады, кырылган жерди түздөп койду…

Ормонбек кечке сыртта басып жүрдү. Короонун оозуна барып, эки жакты карап көпкө турду, мууну калтыраганы али басыла элек. "Атайын өлтүрмөк эмесмин", - деп өзүнөн-өзү актана берди ичинен. Кечке маал ойногону кеткен балдары, Айбек дагы келди. Үйгө кирип, эки жакты элеңдей караган Айбек:

- Апам кана? - деп сурады атасынан.

- Кайдан билем, жанагы бойдон келе элек, бир жакка бараарын айткан жок беле? - деди билмексен боло. Балдарын караган сайын жүрөгү зырп-зырп эте бир нерсени билип койчудан бетер коркуп жатты.

- Эч жакка барам деген эмес, - деди Субанбек.

- Коңшунукунан сурап келейинби? - Айбек атасын карады.

- Алар кайдан билмек эле?

- Бекжан байке келчү да…

- Эмнеге? - Ормонбек аны тикирейе тиктеди.

- Билбейм, бир жолу экөө машинага түшүп кеткен.

- Эмне калп айтасың, алар таганыкынан ун алып келишпеди беле? - деди Съездбек.

- Өзү алып келбей Бекжан менен барып калыптырбы? - Ачуусу келип өз күнөөсүн сезбей эми эле күм-жам кылган аялын кызганып башына кан тээп чыкты. - Ал кайсы машина экен?

- Билбейм, апам Бекжан байкеге машина таап бер деген болчу, - деди Айбек бултуя.

- Мен тагамдыкынан сурап келейинби? - Субанбек Ормонбекти карады. - Сиз дагы үйгө келбей койдуңуз, апам таарынган го, - деп үңкүйө сыртка чыгып кетти. Эми чындап сот жообуна тартылаары көз алдына элестеп, Ормонбектин заманасы куурулду. Ал азыр сотту коюп, балдарынын алдында бир, кудай алдында бир жазасын аларын ойлогон жок. Түрмө көзүнө элестеп: "Курган жаным ай, кайдан да түртүп ийдим эле, өлүп каларын кайдан билдим?" - деп тунжурап отура берди.

- Ата, нан жок экен, эмне кылабыз? - деди Съездбек кайсалай идиш-аякты калдыратып.

- Бирдеме кууруп жебейсиңерби?

- Эчтеке жок экен.

- Камыр жууруп койбоптур да, апам, - деди Айбек. Ормонбек эми гана анык тозокто калганын, таң атса кайын журту келип тополоң кылаарын эстегенде чочуп алды. "Билип коюшпаса экен, мен Бекжанга жолугуп келейин", - деген ойдо сыртка чыкты. "Кой, мен өзүмдү жөнгө салайын, болбосо шек алдырып койом", - деп өзүн кармоого тырышып коңшусунун үйүнө барды. Аны көргөн Бекжандын аялы Гүлсүн:

- Кел, сен кайдан? - деди.

- Келдим, Бекжан үйдөбү?

- Ооба, кир үйгө.

- Жок, чакырып койчу.

- Макул, - деп Гүлсүн кирип кетти. Бир аздан кийин Бекжан чыкты:

- Кел, кошуна.

- Келдим, жүрү мындай сүйлөшөлү.

- Эмне болду? - Бекжан жалтаңдаган, аялынан чыга албаган неме болчу, Ормонбектин шыр айтпай үйдүн артын көздөп басканы аны чочутту. - Кандай сөз?..

- Гүлайым экөөң кайда бардыңар эле, аялың билеби?

- Эч.. . эч жакка барган эмеспиз, ки-ким айтты? - Өзүн андан алыс кармай көздөрүн алаңдата жооп берди Бекжан.

- Бүгүн кайда бардыңар?

- Эмне, бүгүнбү? Бүгүн көр-көргөн жокмун аны!

- Жаныңды жебе, Гүлайым мен келсем үйдө жок экен, балдар сени менен күндө бир машинага түшүп кетчү деп айтып жатат. Кайда алпардың Гүлайымды?! - Ормонбек аны жакадан алды. - Чыныңды айт деп жатам.

- Ку-кудай урс-сун, ме-мен көргөн жо-жокмун, Ормон, өлүп кетейин!

- Мени мазактап аялым менен ойночуу сенсиңби, эн-неңди! - деп Бекжан муунуп калаарда чеңгээлин бошото калч-калч эткен Ормонбек аны кекете сөөмөй кезеди. - Эгерде таңга чейин келбесе экөөңдү тең өлтүрөм!

- Ормон, кудай урсун, чын айтам, мен аны бүгүн көргөн жокмун, - деп бүжүрөп турганда Гүлсүн арытан тыңшап аткан.

- Бүгүн көрбөсөң кечээ алып кеткендирсиң, экөөңдүн мамилеңер мага алда качан жеткен, бир жерге катып койдуң да. Эртең күн тийгиче көзүмө көрсөтпөсөң кошоктоп мууздайм, эсиңде болсун! - деп Ормонбек оңураңдай басып кетти.

Анын баарын угуп турган Гүлсүн эси оой отуруп калган күйөөсүнө жетип келип желкесинен ала кыйкырып кирди:

- Бетбак, Гүлайым менен каякка барып жүрөсүң, ыя? Мындайыңды билгенде Ормонбекке угузбай эле өзүм экөөңөрдү кошоктоп мууздап салмакмын!

- Сен эмне деп жатасың, мунун баары жалган!

- Башымды оорутпа, калп болсо Ормонбектен коркпой-үркпөй эле айтмаксың, билем го сени, бүжүрөп сүйлөй албай калбадыңбы, бети жок. Айт, кайда бекиттиң эле?

- Ой, өлүп кетейин, эчтеке билбейм.

- Ушинтсем эле кутулуп кетем деп ойлоп турасыңбы, мен сени үйдөн чыгарып салам.

- Койчу эми, кудай жалгагыр, менин эч кандай күнөөм жок, - деп Бекжан аялына актанып жатты. Ал түнү таң атканча урушуп чыгышты. Кайненеси гана турмушун сактап калды, болбосо Гүлсүн ата-энесин чакыртып, көчүп кетем деп жүгүн таңа баштаган. Түнү бою Ормонбек үйүндө болду, коркуп чочуп уктай албай койду. Эртең менен төркү бөлмөгө кирип, кандайдыр ис чыкпады бекен деп жыт алды, бирок эч нерсе билинбеди. "Эч ким билбейт, ким эле полдун алдын текшере койсун", - деген ойдо демейде жабылып турчу каалганы сыр билгизбей кыңкайта ачып койду. "Эгерде жыт болсо чыгып, аба кирсин", - деди оюнда. Күндөгүдөй эле эки уулу сабакка кетти. Үйдө эч нерсе жок. Гүлнаранын үйүндө каалаганын жеп-ичип көнгөн Ормонбек карды ачканда балдарына да боору ооруй ундан чарага салып алып, коңшусунукуна барды.

- Жууруп берип койчу, Айнаш.

- Гүлайым жок беле?

- Кечээ кеткен бойдон келе элек.

- Ошол бойдон жокпу?

- Ооба, бүгүн келип калаар, агасыныкына кетсе керек, үйдө нан жок, балдар жасай албай ачка отуруптур.

- Ал кайда кетти экен? - деп ойлуу чараны алган Айнаш Ормонбекке кайрылды. - Сен дагы обу жок экенсиң, чырактай балдарың чоңоюп калганын сезбей жанагы шуркуянын үйүнө кирип алдың, жини келди да байкуштун.

- Эми жашоодо болот экен да, - деп ырсалактап күлүмүш этти Ормонбек.

- Азыр жууруп берейин, үйгө кирип чай-пай ичип тур, Бактыбек үйдө.

- Макул, - деп Ормон Айбекти чакырды. Кечээтен бери жалмай турган эч нерсе жок өзү да, балдары да ачка болчу. Уялып да койбоду, "Айбек дагы чай ичип алсынчы", - деди тескерисинче. Бактыбек экөө сый эле коңшулардан, кээ-кээде гана сүйлөшүп калбаса анча жолукканга чолоосу жок. Бактыбектин камазы, үйүндө дүкөнү бар. Үйгө кире берип, төгөрөк үстөл үстү толгон тамак-ашты көрүп: "Неге элдин баарында бар да, менде жок? Гүкү менен жашап калсам байкуш балдарым кудайга шүгүр эле жашап, тоюнуп калат эле", - деп ойлоду. Өзү намыстанып, мээнет кылып элдей жашайын деп ойлогон жок. Белен ашты самап кечээ гана өз колу менен тындым кылган аялына кабыргасы кайышпады, болгону соттолуудан коркуп жатты. Бактыбек аны жакшы кабыл алды, тестиер кызына чай сундуруп, ысытма болсо дагы семиз эттен жасалган тамак койду алдына.

- Ийи, кошуна, жүрөсүң анан?

- Жүрөбүз.

- Ой сени элдин баары легендага айлантып алыптыр го?

- Эмне деп?

- Бай келиндин үстүнө кирип алыптыр деп.

- Калп. - Кызара тамактан сугунган болду Ормонбек.

- Гүлайым бир жакка кетти беле?

- Ык, - Ормонбек чочуп кетип какап-чакап калды.

- Шашпа, тамагыңды ич анан сүйлөшөлү, - деп Бактыбек эки-үч жашар баласы менен алектенип калды.

- Кечээ үйгө келсем жок, кайда кеткенин билбейм, - деп жооп кылды Ормонбек көптөн кийин.

- Элдин сөзү жанына баткандыр, сен да кургур экенсиң, андай көңүлүң жок болсо ажырашып ал да.

- Балдар турбайбы?

- Тирүүлөй күйгүзүп ийесиң го аны.

- Күйбөйт-этпейт.

- Бир өзүңдү ойлонуп бекер кыласың, колуңда жок кыйналып жатышат балдарың, ушундайда эсиңе кел, менин коңшулук сөзүм…

- Өзүм дагы ойлоп жатам.

- Ажырашасыңбы?

- Келсе айтам го.

- Ошент, ал деле жаш, жерде калбай турган келин, заман өзгөрүлүп элдин көбү кыйналды, балдарыңар чоңоюп калды, алардын келечегин ойлогула, - деп Бактыбек жай түшүндүрүп жатканда Ормонбек ичинен жини келди, бирок үн дей албады. Айнаш камырды көтөрүп кирди да:

- Эми биротоло бышырып эле берейин, анан Асел жеткирип берет, - деди эле араң турган Ормонбек кош-кош рахматын айтып, уулун жетелеп чыгып кетти. Ошол күнү Субанбек коңшу айылдагы тагасыныкына барып, апасынын келбегенин угуп кайра келди. Ал убакта Гүлайымдын агасы Россияга кеткен болчу. Эки иниси келип кайда кеткенин билбей жездесинен күмөндөнүп короосунун ичи-тышын, үй ичин изилдешип эч бир шек таба алышпады. Милицияга берди эле алар дагы текшерди, бирок шектүү эчтеме таппады. Акыры Ормонбекти суракка ала башташты. Бир жума камап, сабап да көрүштү, анын айынан Гүлнараны да сурашты. Ормонбек жанкечтилик кылып милицияга:

- Мен го үйдөн чыгып кеткемин, мен жокто коңшум Бекжан менен жүрүптүр, мен билбегенди ошол билиши мүмкүн, - деди.

- Ал кайда жашайт?

- Кошуна турабыз, - деп бурк этти Ормонбек.

- Ушул чынбы?

- Балдарым көрүптүр. - Ошентип Бекжанды да суракка алып, ал деле оңчулуктуу эч нерсе айта албай, жыйынтык чыкпады. Бирок Гүлайым менен Бекжандын машинага түшүп тоого барганы, көңүл ачканы машинанын ээси Артурду сураганда аныкталгандан кийин Бекжан бир айга камалды. Ормонбек болсо бир жумадан кийин бошонуп, өз жашоосуна киришти. Бул окуянын айынан үйлөнө албай чочулап жатышты. Гүлнаранын ичи билинип калган, ата-энеси чогулуп келип тилдеп-урушканда ал Ормонбекти чакыртты.

- Кана, эмне кыласыңар эми, минтип никесиз балалуу болгонуңар туура эмес, ушактан элдин жүзүн карай албай калдык, - деди Токтомат.

- Бир аз күтүүгө туура келет, - деди Ормонбек башын шылкыйта.

- Болбосо экинчи бул үйгө келчү болбо.

- Ата, мен Ормонбексиз жашай албайм, күтүшүм керек, силер киришпегилечи! - деп тултуңдай кетти Гүлнара. - Жашоо меники, өзүм билем.

- Мейли, кызым, - деп тим болду атасы. Акыры төрөөргө аз калганда Ормонбек Гүлнараны үйүнө алып келди. Нике кыйдырып тойчук берип, кайната-кайненелерин коноктоп узаткандан кийин Гүлнара:

- Мен бул үйгө туралбайм, - деди Ормонбекке.

- Эмнеге?

- Өз үйүмө кетем.

- Мени менен жашагың келбейби?

- Мени менен кетесиңби?

- Балдар кантет?

- Алар жашай беришет да.

- Эл эмне дейт?

- Түндөсү мени менен бол, күндүзү биякта бол.

- Макул эми, - деп Ормонбек аргасыз макул болду. Субанбек атасын жаман көрүп, тагасыныкына кетип калды. Съездбек андан калбады. Айбек күндө атасынан апасын сурай берет. Коңшу-колоңдун ушагын айтпа, эл ичи күбүр-шыбырга толуп, ар кимиси ар кандай божомолдоп, таңгала сөз кылып жатышты.

- Капырай Гүлайым кайда кетип калды экен?

- Ким билет, эч жакка деле кетчү эмес.

- Бекжан менен жүргөнү чын бекен, ыя?

- Суракта ачыкка чыкканы үчүн Гүлсүн балдарын алып төркүнүнө кетип калып, жакында зорго келди да.

- Ой тобо-о, байкуш күйөөсүнө өчөшсө керек.

- Ошондой болсо керек, Ормонбек туура эмес кылды, балдары да минтип чачырап, үй-бүлө ыдырады. Эмне болду десең, өңгөдөн да Гүлайымды айтсаң, кайда кетип калды ыя? Ормонбек шүмшүк өлтүрүп койбоду бекен?

- Кайдан билем, өлтүрсө өлүгү табылат эле го?

- Анан кайда кетти, бир эле күндө жоголуп кеткени кызык, табышмактуу болду да, же бир көрүнгөн менен жүргөн неме болсочу?

- Ошону айтсаң, кайда кетти байкуш.

- Жүргөндүр бир жерде, күйөөсүнө өчөшүп, шаарга кетип калса керек.

- Өчөшкөндө балдарын таштамак эмес.

- Анан кайда кетти? - дешип табышмактуу жоголууга таңгалгандар көп, бирок суроолорго жооп табылбады. Эл ичи бир топко дүркүрөп барып, эки-үч айда жым болду. Акырында Ормонбектин үйү ээн калды, эч ким кирбей эшигинде чоң кара кулпу илинип турганы турган. Терезелеринен түнкүсүн жарык пайда болгонун коңшулары кээде байкап калышчу болду. Атайын чыгып карап дагы көрүштү. Ошондой күндөрдүн биринде Бактыбек Ормонбекти издеп таап, минтти:

- Ормон, үйүңдү ээн калтырганың болбойт, түнкүсүн жарык болуп турчу болду, ата-энең нааразы болуп жүрбөсүн?

- Кандай жарык? - Ормонбек таңдана сурады.

- Кеч киргенде жолдон караганда терезеден жарык түшүп турат, адегенде таңгалып жүрдүк, бирок ар бир түнү жарык болот, Ормон. Өзүң жалгыз баласың, балдарың ар жакка кетти, туура эмес иш кылдың.

- Эмнеге жарык болот?

- Ким билет, эми үйүңө куран окут, болбосо зыян болушу мүмкүн, сени бала кезден билем, ошондуктан өзүм айтып жатам.

- Рахмат, Бактыбек, ойлонуп көрөйүн, - деп Ормонбек аны менен коштошуп жолуна түштү. "Бул эмнеси, ал үйгө эми барууга болбойбу? Гүлайымдын сөөгү жатат да ал жерде, демек ошонун арбагы үйдү жарык кылып жаткан экен", - деп ойлонуп үйүнө келсе Гүлнара тамак жасап күтүп отуруптур. Ал ушул убакка чейин Гүлайым жөнүндө сурай элек эле. Ормонбек аны аялым деп эсептегени менен сыр айтпады. "Аял душман, эгерде башыңа кыйын иш түшсө өзүңө айгак болот", - деп ойлонуп ичинен тынып жүрдү.

- Ормон, аялыңдан такыр дайын жокпу? - деди Гүлнара байкоостон. - Деги ал кайда кетиптир?

- Кайдан билем, мен барганда үйдө жок экен дебедимби? - деди милицияга берген жообун кайталап.

- Кызык, ал бирөө менен кеткен го?

- Кетсе кете берсин, бизге жакшы болбодубу.

- Ооба дечи, Айбекти деле тагасына бербейсиңби?

- Эмнеге?

- Бейбаш экен, эшиктин алдындагы алманын шагын сындырып коюптур, тил албайт, мага каяша айтат, - деп Гүлнаранын эптеп эле Айбекти кетиргиси келип жатканын билди Ормонбек.

- Эми бир бала экен, жүрө берсин, Гүкү.

- Мына балалуу болгону турабыз, жаш баланы жыгып же бир нерсе кылып койсочу, баламды эч кимге көрсөтпөй баккым келет, - деди Гүлнара ачуусу келе. - Сенин балдарың бар, менин балам жөнүндө ойлоп дагы койбойсуң, - деди тултуңдай.

- Гүкү, антип ачуулана бербечи, аман-эсен көз жарып алсаң анан жакшылап багабыз да.

- Койчу, менин аркам менен жашап жатып дагы багам деп койосуң, сен менин эле жашоомо кызыгып үстүмө кирдиң, болбосо кудай билет, - дегенде Ормонбекти бирөө башка таш менен бир чапкандай болду.

- Гүкү, бул эмне деген сөзүң, ушинтип айтаарыңды билгенде…

- Эмне, билсең келбейт белең, мен үчүн аялыңды жоготуп алганыңа ичиң бышып жаткандыр? - деп ого бетер булкулдады Гүлнара. Ормонбек өзүнүн жаңылганын ошондо сезди:

- Гүкү, мындай болсо баламды алайын дагы өз үйүмө кетейин, бала төрөлсө меники, аман болсо табаар. Сен минтип милдет кылсаң тынч эле өз-өзүбүзчө болгонубуз дурус болоор, мындайга чыдай албайм, - деп эшиктен кирген Айбекти колдон ала сыртка чыгып кетмек болгондо Гүлнара:

- Боюнда бар аялдын ушундай болоорун билесиң да, өзүмчө кыжаалат болуп кетем, Ормонбек, катуу айтсам кечир, - деди кайра.

- Өмүр бою менин үстүмө кирип келгенсиң дей турган болсоң анда чогуу жашап кереги эмне?

- Мен ошондой абалдамын, сен түшүнүшүң керек.

- Макул, - деген Ормонбек кайрылып ордуна отурду. - Мен канчалык колумда болбосун намысым бар, беш-алты жандыкты балам үчүн сага таштайм да, чыгып кетем.

- Кой эми, экинчи антип айтпайм, кел, Айбек, тамак иче кой, - деп шыпылдай калды Гүлнара. Ошондон эки-үч күн өтпөй эле Гүлнара толготуп төрөтканага барды, бирок баласы ичтен өлүк түштү. Бир жумадан кийин ал баласы жок үйүнө ыйлап-сыктап кайтып келди. Ормонбек күнү-түнү жанында, Гүлнара ордунан турбай жатат, ата-энеси келип ага акыл-насаат айтып, көңүлүн көтөрүп жатышты. Алар кеткенден кийин Гүлнара эч ким менен сүйлөшпөй жатып алды.

- Гүкү, али жашпыз, дагы эле кудай берээрин унутпаса балалуу болобуз, - деп Ормонбек үстүнө үйрүлө калып өпкүлөп кирди. - Өзүңдү карачы, буйрук эмес экен да.

- Сенин аялың каргап койгон го? - деди улутунган Гүлнара. - Толготоор түнү түшүмө бир аял кирип, колумдагы шакегимди жулуп алган.

- Бир аял…

- Ооба, мен сенин аялыңды тааныбайм, бирок бир жак бети гана көрүндү, аппак кийинип алыптыр, кубалап жүрүп шакегимди алып койгон, - деди кайталай.

- Түшкө кире берет, - деген Ормонбек ичинен чочуп алды, Бактыбектин айтканын эстеди. Гүлнара ошондон кийин сөз көтөрө албай чыртылдак болуп да кетти. Ормонбек андан бетер ичтен тынып: "Бекер кылган экенмин, үйүмдү буздум, киши өлтүрдүм, эми кандай жаза болсо да даярмын, балдарым мени жек көрүп калды, Гүлайымга кандай кылып куран окутам", - деп ойлоду. Гүлнарага бир күнү:

- Гүкү, мен ата-энемдин үйүн ээн калтырдым, жалгыз бала элем, ата-энем мага нааразы болуп жатат окшойт, мен барып коңшу-колоңду чакырып куран окутуп келейин - деди эле:

- Өзүң бил, - деп койду Гүлнара мисирейип.

- Эртең барбасам болбойт, - деди Ормонбек. Экөөнүн мамилеси баягыдай болбой баратты. Эртеси өзү бир эчки алып барып, эшигинин алдына Гүлайымдын арбагына атап сойду да, өзү жалгыз бышырып, анан беш-алты коңшусун чакырды. Унчукпай таратып, калган этин үйүнө алып кетти. Үйүнө келип, тамак жасатып, куран окуп Сагынбек кызы Гүлайымдын арбагына багыштадым деп туюк айтып бата кылды. Коңшулары ага абдан таңгалышты:

- Ормонбек жинди болгонбу, эчкисин өзү союп унчукпай таратканы эмнеси же ата-энесине куран окутканын айтпайт.

- Тиги аялынын баласы өлүк түшкөн имиш.

- Бир байкуштун убалы деле жетет да, балдары чачыранды болду.

- Гүлайымдын өлүү-тирүүсү белгисиз дейт дагы эле.

- Ошону айтсаң, ал байкуш кайда жүрөт болду экен?

- Билбейм, баса Ормонбектин үйүнөн түндөсү жарык кадимкидей чыгат имиш ай, ал эмнеси?

- Ал турсун ошол үйдөн түн бир убакта аялдын элеси көрүнүптүр. - Сагынбү деген узун кулак ушакчы келин көзүн алайта, жамажайынан көбүк чыккыча сүйлөдү. - Тиги Алтыбайдын баласы түндө өтүп баратса, үйдөн ак кийимчен аял чыгып, жол жакка басып келатыптыр дейт. Коркконунан бечара бала үйүнө жүгүрүп жетип эле өңү купкуу болуп кулап калыптыр.

- Анан эмне болуптур?

- Молдого дем салдырганда араң эс алыптыр.

- Капыра-ай де, ушунча жылдан бери жашап, ал үйдөн мындайды көргөн да, уккан эмесмин, - деп шыпшынды жакын коңшусу Бурулбү. Айтолкун көптөн бери элден укканына ишенип-ишенбей күүгүм ченде Ормонбектин үйүнүн жанынан өтүп байкамак болду. "Бул соо эмес, байкуш безилдеп эле жүрдү эле. Ормонбек бирдеме кылып койгон го, соо эмес, Гүлайым эч жакка кетмек эмес", - деп ойлоп Өмүраалыга айтты:

- Өмүш, тиги Бактыбектикине барып келейинчи, Шерматты сен карап тур, Шамбетти ээрчитип алайын.

- Эмнеге барасың, караңгы кирип кетет?

- Капырай, кечээ Бишкектен келиптир, учурашып келем, бир тууганым эмеспи, - деп шылтоо кылды, чынында Бактыбек анын бир тууган иниси. Шамбет экөө Ормонбектин үйүнө жеткенде күүгүм кирип калган. Айтолкун баласына байкатпай терезелерине көз салды, чын эле шамдын жарыгындай шоола болуп турат экен. "Оо кудай, өзүң кечир, бул Ормонбектин кылганы, шордуунун түбүнө жеткен экен", - деп инисинин үйүнө киргиче коркконунан муундары калчылдап дарбазага жеткиче шашты. Инисине учурашып, анан ал берген белек-бечкек, таттууларды алып кайра чыгышты. Келе жатып Ормонбектин үйүн дагы карады. Түн айсыз караңгы болгондуктан терезедеги жарык мурункудан да даана билинип, кадимки адам жашагандай болуп турганын көрүп келме келтирди. Үйүнө келгенде:

- Кандай барып келиптир? - деп Өмүраалы сурап калды.

- Жакшы эле, байкушум кудай жар болсун, эптеп өз оокатын жасап жатат, - деп Айтолкун алып келгендерин ортого койду.

- Азамат, Бактыбек оокатка тың, - деп Өмүраалы кайнисин мактап койду. - Бала ыйлайбы деп корктум эле ыйлаган жок.

- Кудай ай, бир саат деле өткөн жок го?

- Эми кичинекей бала ыйласа сооротуу кыйын да.

- Өмүш, Ормонбектин үйүнөн эл айткандай эле жарык чыгып турат экен, ал эмнеси?

- Ким билет, ээси бар үй ошондой болот дечү эле.

- Кызык, элден угуп ишенчү эмесмин, азыр ал үйдүн ээси бар деп да айта башташыптыр…

- Ээси жок эле жашап жүрүшпөдү беле?

- Эми ошентип калыптыр.

- Ким билсин, алып кел тамагыңды, андайда келме келтирчү, байбиче, - деп Өмүраалы андан ары уккусу келген жок. Ошол бойдон өз-өзүнчө ойлонуп тим болушту. Айтолкун басса-турса да ойлоно баштады: "Кайда кетмек эле, шүмшүк Ормонбек аны өлтүргөн экен, инилери да жакшылап изилдетпей койду, агасы деле ойлобосо керек. Ормонбек болсо жаш катыны менен эчтекени ойлоп койбой жашап жатат, кудай жазаңды гана бергир". Көп ойлонуп койгонгобу ошол түнү түшүндө Гүлайым кирип жатыптыр. Ал баягысындай эле Айтолкундукуна келип, экөө бирдемелерди сүйлөшүп отурушат. Бир убакта туруп дарбазадан чыкканда үстүнө төшөк жамынып алыптыр. "Сен эмнеге төшөк жамынып алгансың?" - деп сурайт Айтолкун күлө карап. Анда Гүлайым бери бурулуп: "Мен ушуну жамынып жатам, жүр, көрсөң мен жаткан жерди", - деп алдыга түшүп жөнөйт. Артынан бараткан Айтолкун Ормонбектин үйүнө эчтекеден кам санабай эле кирип барды. Гүлайым эшиктерди ачып, төркү бөлмөгө өттү да, жапжарык бөлмөнүн тең ортосуна барганда ылдый кеткен жол пайда болду. Гүлайым ылдый түшүп баратканда Айтолкун дагы артынан түшмөк болду. "Сен үйүңө бар, мен ушул жерде жатам, бар үйүңө", - деп Гүлайым ары караганда жок болуп кетти. Айтолкун чочуп ойгонуп кетсе жүрөгү лакылдап калыптыр, өзү кара терге түшкөн. Туруп суу ичти, таң агарып калыптыр. Кайра кыңкайганда бешиктеги баласы чукуранып калды. Аны эмгизип жатып: "Соо эмес, ал өлгөн экен, Ормонбек шүмшүк бир балээ кылган экен. Ушул бойдон билинбей калабы, же мен милицияга барсамбы? Жо-ок, эгер эч нерсе табылбаса мени жинди болгон экен дебейби", - деп ойлонуп жатып кайра көзү илинип кетти.

Ормонбек сары санаа болуп жүрдү. Айбек каникулга чыкканда аны кайнисиникине алып барайын деп чечти, эки баласын көргүсү келди. Үй-бүлөлүк бакыт эмне экенин эми сезип, ичинен өкүнгөнү менен кеч болуп калган эле. Ал үйдөн чыгаарда Гүлнара:

- Эрте келесиңби? - деди узатып жатып.

- Ооба, тез эле келем, буту да жыртылыптыр, үйгө барып бут кийимин карап көрөйүнчү, - деди калтырай.

- Мына буга сатып эле берип кой, - деп акча сунду Гүлнара.

- Кереги жок, балдардын кийимдери да калган чыгаар, баарын алып алайын.

- Сен мага капаланбачы, балким Айбекти кетиргиң келбей жаткандыр, - деди аялы сынай. - Мейли барып балдарыңды көрүп кел да, Айбекти кайра ала кел, - деп коюп колундагы акчаны дагы сунду. - Буга балдарга бирдеме ала бар.

- Койчу, Гүкү, аларга эчтеке алпарбайм, - деп терс бурулганда Гүлнара жетип кармап калды.

- Эмне, мени аялым деп эсептебейсиңби?

- Койсоңчу, ансыз дагы күч күйөө болуп өзүмдү жаман сезип жүрөм, акчаңды мен албайм.

- Сеники, меники демей жок, мындан ары биздики, экөөбүздүкү болот. Мен үчүн үй-бүлөңдөн кечип отурасың, мен сени түшүнөм, Ормон, ал муну, - деп акчаны чөнтөгүнө салып, эки бетинен өбө, Айбекти да эңкейип өпмөк болду эле ал жүзүн ала качты.

- Сен жаман аялсың, апам сен үчүн жоголду!

- Айбек, кой андай дебе! - Айбекти колунан силкти Ормонбек. - Уят эмеспи, ал сенин апаңдай, апа дешиң керек эле…

- Ыкы, мен аны апа дебейм, мен байкемдерге барып алсам кайра эч качан келбейм! - деп бала атасынан колун бошотуп алып алдыга жүгүрүп жөнөдү.

- Айбек, Айбек дейм! - Ормонбек анын артынан жүткүнө токтоду да, Гүлнарага кайрылды. - Көңүлүңө алба, бала эмеспи, апасын унутуу кыйын болуп жатса керек?

- Билем, кам санабай барып келе бер, - деп Гүлнара жылмайган болду, бирок ызасы жүрөгүнө батып турган. Тигиндейирээк барып токтогон Айбек бирөө үйрөткөндөй:

- Силер балалуу болбойсуңар, силерди жек көрөм, эч качан балалуу болбойсуңар! - деп кыйкырды.

- Айбек!

- Барбай эле кой, тагамдын үйүн өзүм таап алам, - деп жүгүргөндө Ормонбек анын артынан жөнөдү. Гүлнара ызалана көзүнө жаш толуп үйүнө кирди, диванга көмкөрөсүнөн жатып алып ыйлай баштады. "Бирөөнүн үйүн бузганым үчүн жазаландым, эми кечире көр, кудайым, жок дегенде бир бала бере гөр", - деп ыйлап жатканда эшиктен иниси Турар кирди.

- Эжеке, эмне болду сага?

- Эчтеке.

- Жездем капа кылдыбы?

- Жо-ок, өзүмчө эле, балама ыйлап жатам.

- Ой кокуй десе, ошол кичинекей немегеби? - Турар күлүп жиберди. - Эже, дагы эле эркелигиң калбайт, дагы эле жаш баладайсың да, али жапжашсың го, төрөсөң болот.

- Билбейм, өзүң эмне жумуштап келдиң?

- Эртең келсин дейт атам сени, жума күнү келин алат экен, - деп күлүмсүрөп койду.

- Ой жинди десе, үйлөнөм дебейсиңби? - Экөө тең күлүп калышты.

- Алар келин алышат да.

- Макул эми, кайдан аласың?

- Сүйлөшкөн кызым бар.

- Каяктык?

- Жалал-Абаддан.

- Ошончо алыспы?

- Эмне болмок эле, машина деген ба-ар.

- Бар дечи, ал кыз азыр кайда?

- Шаарда.

- Кайдан таанышып жүрөсүң?

- Классташым бар го Жеңиш деген, ошонун үйүнө келген, ошондо таанышканбыз, анын бөлөсү болот экен, эртең дагы келет, мен алып калам, - деди Турар эжесинен сырын жашырбай.

- Аз-замат десе, мейли эми, мага эмне алып келдиң?

- Эт алып келдим, сүзмө менен майды өзүңөр барганда берет, мен кеттим, - деп иниси өйдө болду.

- Чай ичпейсиңби?

- Кардым ток.

- Нан ооз тий.

- Мейли, бул салт да ээ? - Турар мулуңдай эжесине күлүп койду. - Ооз тийбесе эмне болмок эле, эже?

- Куттуу үйдөн куру чыкпа-а! - деп Гүлнара сөөмөйүн чычайтты. - Гүлгаакы кандай жүрөт, келип кетпейби?

- Каникул болуп калды го, барганда ала келесиң, мен кеттим, эжеке.

- Жакшы бар, салам айт баарына.

- Жарайт. - Турар чыгып кетти. Гүлнара кечке ооналактап жата берди, кеч күүгүмдө гана Ормонбек эшиктен киргенде турду. Ал Айбекти кайра ээрчитип келген болчу, кайнисинин аялы жаман көрүп эки баланы батырбай жаткан. Субанбек атасы менен сүйлөшпөй коюптур. Съездбек жолугуп:

- Айбекти таштабаңыз, биздин түрткүнчү болгонубуз жетээр, ушунун баарына сиз гана күнөөлүүсүз, апам кайда кетти? - деп аябай ыйлаганда Ормонбек уулунун жүзүн карай албай жети өмүрү жерге кирип: "Өкмөттүн сотунан дагы баланын сурагы оор тура, акмак болгон экенмин", - деп зээни кейип кайра артына жөнөгөн. Кайнисинин аялы нан ооз тийгизгенге да жараган жок. Сай-сөөгү сыздай өз кылганына өзүн жек көрүп, Гүлнаранын үйүнө келе жатканда Айбек экөө жолдо сүйлөштү. Гүлнара көрүп баланы бир карады да:

- Келдиңерби? - деди көңүлсүз.

- Келдик, сенин айтканыңды эстеп кайра алып келдим, бала неме жакын жүрсө сага да көнүп кетет эмеспи, - деп Ормонбек болгонун жашыра сүйлөдү.

- Жакшы, Айбек экөөбүз бат эле көнүшүп кетебиз ээ? - Гүлнара баланын маңдайына келип эңкейе көздөрүнө тигилди. - Биз ынтымактуу эне-бала болобуз, туурабы?

- Айбек, апаң менен сүйлөшпөйсүңбү?

- Жок! - Бала терс бурулду.

- Мен сага айттым эле го?

- Аны жаман көрөм, апамды сагындым, ал каякка кеткенин сен билесиң, ата?! - дегенде Ормонбек баланы жаакка чаап ийди:

- Болду, отур тиерге, экинчи ушинтип сүйлөсөң энчиңди берем.

- Баары бир апамды сагындым, аны табам, - деп эшикке качмак болгондо Гүлнара кармап калды.

- Кечинде кайда барасың, таң атсын, болбосо коркуп каласың.

- Коркпойм, койо бер мени! - деп Айбек жулкуна ыйлап жатты.

- Айбек, сен жакшы баласың да, ыйлаба, апаң келет, ошондо сен апаң менен болосуң, - деп Гүлнара сооротуп отургузду. - Сен ыйлай бербе, апаң бир күнү келип калат.

- Качан келет, мен аны аябай сагындым, - деп өпкө-өпкөсүнө батпай соолуктап жатты Айбек. Ормонбек башын мыкчып муун-жүүнү бошой: "Кокус апасын менин өлтүргөнүм билинип калса булар мени өлтүрүп койо турган, мына жаза деп ушуну айт. Жалгыз бала деп иштетпей эрке өстүрүп коюп, азабымды жемей болдум, деги билинбесе экен, ким билмек эле", - деп өзүн токтото ыйлап жаткан уулунун жанына келди:

- Уулум, апаң бир күнү өзү эле келип калат, шаарга иштегени кетсе керек. Сен чоңоюп калбадыңбы, Гүкү деле апаң болот, андан көрө жакшынакай болуп жүрө берсең апаң келип калганда өз үйүбүзгө кетебиз.

- Сен дагы барасыңбы? - деди Айбек мурдун тарта.

- Сөзсүз барам.

- Чынбы? - Бала неме кубана көздөрү башкача күлүңдөп кетти. - Чын эле апам келип калса кетебизби?

- Кетебиз, уулум, сөзсүз кетебиз.

- Ур-ре, мен анда Гүкү эже менен урушпайм.

- Азамат, эже эмес апа дегениң оң, ал улуу ошондуктан ал апаңдай эле аял, - деп уулун көндүрүүгө аракет жасап жан-алы калбай жатты.

- Апамды мен аябай сагынып кеттим.

- Сагынсаң чыда, уулум.

Ормонбек баласын сооротуп жатып өзү ыйлап жибере жаздап аз жерден гана калды, Гүлнара болбогондо бир жарылмак. Гүлнара ашкана бөлмөсүнө кирип алып, тамак жасоого киришти. Өзүнчө кыжаалат болуп: "Бул бала мени жинди кылат, көнөөр эмес, апасын сагынса мен аны бир жакка жумшадым беле, өзү кетип калгандыр, бирок мен себепкермин. Кудай ай, балалуу болсом экен, бала бере гөр, жараткан", - деп отуруп тамак асып болуп, ыйлап отура берди. Ормонбек Айбекти сооротуп, тынчтандырып анан Гүлнара отурган ашканага кирди.

- Гүкү, сен эмнеге ыйлап жатасың? - деди анын ыйлап отурганын көрүп.

- Мен Айбекке дегеле жакпай койдум.

- Койчу эми, ошого дагы ыйлайт бекен, ал бала эмеспи, анын үстүнө сен өз апасындай болушуң кыйын. Аз эле болбодубу, бир жыл өтсө унута түшөт, ал үчүн жакшы мамиле керек, сен өзүңдү ойлосоң, бөлөк өсүп калганың үчүн өз энеңе көнө албай жүрөсүң, туура айтамбы? - деп өпкүлөп эми аны сооротуп жатты.

- Ырас айтасың, акырындык менен көнүп кетээр, Ормон, мен бала төрөймбү, эмнеге балам өлүк түштү?

- Кудай билет, алтыным, баарыбыз кудайдын колундабыз да, жаным, сарсанаа болбо. Кана, мен жасайынбы тамакты? - деп аялынын көз жашын аарчып күлүп койду.

- Жо-ок, кайнай берсин, жаңы этти жөн эле асып койдум.

- Макул анда, жүрү тигил үйгө, - деп колтуктап тургузду. Алар киргенде Айбек телевизор көрүп отурган, атасы менен Гүлнараны жек көрө бир карап алып унчукпай тетири бурулду. Бири-бирине окшогон күндөр ээрчишкен кербенчинин төөлөрүндөй чубап өтө берди. Гүлнара үч жылда үчтү төрөдү, бирок баласы токтободу, бирөө ыйлап түшүп жарым саат өтпөй чарчап калды. Ансайын Гүлнаранын көз жашы жамгыр болуп төгүлөт, Ормонбек өзүнүн күнөөсүн сезип далбастап жүрөт. Субанбекти аскерге кетиптир деп укту, Съездбек тагасынын малын багып жайы-кышы тоодо. Айбек алтынчы класска окуп калды, мурункудан жумшарып Гүлнарага эч нерсе дебейт, апасын аз-аздап унута баштаган. Ормонбектин бир күнү түшүнө ата-энеси кирди, жаңы эле көзү илингендей болгон. Түшүндө бир жакка кетип жатыптыр, баратып эле өзүнүн үйүн көрдү. Короону ачып кирип барса, эшигинин алдында атасы менен апасы ары карап туруптур. "Ата, апа, качан келдиңер эле?" - деди Ормонбек аларды айылга кеткендей эле сезип. Ошондо атасы бери карады, элес-булак гана жүзү көрүнөт. Жүткүнө кучактамак болду эле, атасы эки колун бери сунганда токтоп калды. "Сен бизди уятка калтырдың, балам, бул үйгө биз сенин балдарыңдын ойногонун көрүү үчүн келчү элек. Гүлайым бизди кабыл албай жатат, сен күнөөгө баттың, балам", - деди да, апасын колдон алды. "Кеттик кемпир", - дегенде апасы бери бурулду, узу-ун аппак көйнөк, ак жоолукчан, жүзү бүдөмүктөп даана көрүнбөйт. "Балам, сенин күнөөң көп, жыйырма жыл дегенде мойнуңа аласың. Гүлайым сага нааразы, биз аны токтотуп жатабыз, балдарыңа жек көрүндү болдуң, балаңар эми токтобойт, сени зорго калкалап жатабыз, амандыгыңды тилейбиз", - деп көздөн кайым болду. Чочуп ойгонду, Гүлнара аны түрткүлөп жатыптыр.

- Сага эмне болду, булдуруктап эле сүйлөп уктатпай койдуң.

- Түш көрүп жатсам керек да.

- Билбейм, жаман болдуң.

- Эмне болуп? - Башын көтөрө аялын карады.

- Колдоруңду сунуп, сүйлөгөн сөзүң билинбейт, жулунуп эле жаттың.

- Кайдан билем, - деп койду Ормонбек. Ата-энесинин сөзүн эстеп кирди. "Гүлнаранын да убалына мен калдымбы? Атайылап өлтүрмөк болгон жок элем го, көмүп койбой мойнума алсам болмок экен, атайлап өлтүрбөгөнүмдү айтсам түшүнөт эле го", - деп ары карап жатып ойлоно берди. Жылдар-жылга алмашканы менен Гүлнаранын төрөгөн баласы токтободу, бешти төрөдү, андан кийин өзү дагы төрөгөндөн үмүтүн үздү. Айбек мектепти бүттү, Съездбек кийинчерээк каттап калган, Субанбек аскерден ары шаарда калып калды. Элдин баары телефон көтөргөн маал, Съездбекти шаарга алып кеткени тагасыныкына келгенде Субанбек Айбекке телефон алып келип берип кетти. Ал шаарда жүрүп үйлөнүп алган, анысын айтпады, Ормонбекке жолуккан жок. Ормонбек ошол жылдар ичинде аркайган гана сөөгү бар тирүү арбакка айланган. Балдарын ойлонуп алаксымак болуп жумушка орношуп иштей баштады. Ооруган оорусу жок, жөндөн-жөн эле арыктап бараткан күйөөсүн көрүп Гүлнаранын боору ооруп өзүнүн кылганына өкүнүп жүрдү. Анын артынан бирөө ээрчигендей кээде улам артын карап жүрөгү болкулдай берчү болгон. Токтоо тартып баягыдай болбой жоошуп да, чачтары агарып сумсайып жүрө турган болуп калган, баланын күйүтү кандай жаман, төрөп-төрөп жерге бере бергенге арман кылат. Ормонбек андан бетер сүйлөөдөн калгандай…

Шермат аялын апасынын жардамы менен үйүнө чыгарып келип, уулун көтөрүп али көзүн ача элек наристеге үйрүлүп түшө берет. Нестан таарынып жүрүп зорго жазылды. Назираны эстеген сайын Шерматты кекетип ич күптүсүн чыгарып, кайнене-кайнатасы жокто ага тийишип кирет.

- Назирага жетпей калганыңа арманың аттын эле башындай болуп жүрсө керек?

- Нестан, болбогон сөздү айта бересиңби, аны албай сени алып алдым го, эми эмнеге аны айта бересиң?

- Өткөндө тим эле эс-сиң ооп калды го?

- Эмнеге эсим оомок эле? - Актанып жатты Шермат. - Анын эмнесине эсим оосун, балабыздын атын ойлонуп калдым да, Марлен деген ат сага дагы жакчу беле? - деп аялын жылмая карады.

- Ошол атты ойлогонго эле менин сүйлөгөн сөзүмдү укпай калдыңбы? - деп кызганычы тынчтык бербеген Нестан болбой эле кекетип жатты.

- Эмнени укпай калдым, угуп эле турбадымбы.

- Калп, дел болуп калгансың.

- Койчу эми, Нестан, болбогонду айтып бири-бирибизди капа кылбайлы, мен сени менен гана жашайм, буйруса балалуу болуп калдык, жашообуз элден кем эмес, - деп Шермат келинчегин жоошутуунун аракетин жасап далбастап жатканда наристеси ыйлап калды.

- Жөжөсү, апасы таарынчаактын баласы ыйлаак болот дейт, - деп Шермат баласын көтөрүп алып өпкүлөдү.

- Таарынчаак эмесмин, чындыкка чычалап кеткен өзүң.

- Койчу, мен чычалаганым жок.

- Чычала-ак!

- Сен таарынчаак, кызганчааксың! - деп баланы көтөрүп үй ичинде аркы-терки жүгүрүп качып жатты.

- Жинди, баланы бер мага.

- Бербейм. - Экөө ойноп жатканда Өмүраалы сырттан кирип келди эле Нестан уяла сыртка чыгып кетти.

- Апаң жокпу? - деди Өмүраалы. Бул адаттагы эркектердин көнүмүш суроолорунун бири эмеспи, ар бир эркек үйүнө киргенде өмүр шерик жан жолдошун гана сурап кирээри белгилүү. - Кечикти го?

- Келип калат чыгаар.

- Мейли, чай бар бекен?

- Азыр Нестан келсин, ата.

- Мейли, балам, Марленбай ыйлап жатабы?

- Ийи, - деп Шермат баласын жаткыра коюп эшикке чыкса Нестан казан асып тамак жасаганы жаткан экен. - Атама чай берчи, Нестан.

- Азыр, сен от жагып бересиңби?

- Ооба, мен жагып турам.

- Бала уктадыбы?

- Уктады окшойт.

- Атаман уялып кеттим, жинди десе, - деп Нестан бактылуу жылмая карап, күйөөсүнө мурдун тырыштырып коюп үйгө кирип кетти.

- Жинди, - деп алды Шермат. "Назираны мен чын жүрөгүм менен сүйгөмүн, ал менин өмүр бою көкүрөгүмдөн кеткис болуп сакталып кала турган ыйык сезимимдин ээси. Сен аны кайдан билмек элең, Нестан, сен жигит сүйүп көрдүңбү билбейм. Балким сенин дагы жан дүйнөңө бүлүк салган бирөө бардыр, ошондуктан кызганып жаткандырсың", - деп ойлонгуча кемегеге от тутандырып койду. Кечке маал келген Айтолкун үйгө кирип отургандан кийин:

- Гүлайымды бирөө өлтүрүп эле койгон окшойт, - деди күйөөсүн карап.

- Ийи, аны кайдан билдиң?

- Имиш-имиш чыгып жатат. Ормонбектин үйүнөн күүгүм кире баштаганда эле ыйлаган аялдын үнү чыга баштаптыр, кээде түнкүсүн жолдон өткөн адамга чачтары саксайган аялдын элеси көрүнчү болгон имиш.

- Анда Ормонбек билет муну.

- Шүмшүк десе, жакшынакай аялы турса карасаң, балдары да кайрылбай коюптур, - деп кейип отурду.

- Ой Ормонбектин сүлдөрү эле калыптыр, бир мандеми бар да, болбосо ийне жеген иттей болуп арыктамак эмес.

- Кан койо бербейт деген калп го, өлтүргөнү чын болсо эмдигиче бирдеме болмок.

- Кудай да кечирип-кечирип келип кеч урат имиш, ансыз дагы өзүн-өзү жемек болгону ошондондур, акырындап билинет да, - деп эрди-аял сүйлөшүп отурганда Шермат кирди.

- Ээ ата, Ормонбек деген адамды көрөйүн дедим эле.

- Эмне кыласың аны? - Айтолкун уулун элейе карап калды.

- Жөн эле, ошонун үйүн көрүшүм керек.

- Жөн жүрчү, балам, аны эмне кылат элең? - деди жактыра бербей. Шермат көргөн түшүн айтып берди эле, экөө тең аны ормойо карап саамга унчукпай калышты.

- Бул түш көптөн бери кирет, мен аны табышым керек, ата.

- Кой, балам, же көзү ачык болбосоң, уккан-көргөндөр сени эмне болгон дебейби, анын үстүнө милициялар деле далилдей алышкан эмес.

- Мен жөн эле көрүшүм керек.

- Кой, балам, өзүбүз эптеп жашап жатканда эмне кыласың? - деп Өмүраалы баласын тыйган болду. Шермат унчукпай калды. "Уугум сага айтам уулум сен ук, керегем сага айтам келиним сен ук" дегендей эмес. Ошентип Шермат күндүзү унутуп калып, түнкүсүн түшүндө көргөн үйдү аларга айтпай эле өзү көргүсү келди. Буга чейин кызыгып да көрбөптүр, анча-мынча ушак-айыңдарды угуп, апырткан сөздөрдү, көрүмчү дегенди элден уга коюп көңүлүнө албаган үйдү атайын барып көрүү үчүн үйдөн чыкты. Алардын үйүнөн бир топ эле алыс, бирок бир эле айылда турган үйгө кетип баратты. Ар кимден сурап келип, акыры бирөөдөн сурады эле:

- Ормонбектин үйүбү, ал тээ-этигил үчүнчү там, - деди.

- Рахмат сизге.

- Балам, сен бул айылдансыңбы? - деди улгайган адам кайрыла карап.

- Ооба, аксакал, ушул айылдыкмын, - деп жылмая жооп берди Шермат.

- Эмнеге Ормонбектин үйүн сурадың анан?

- Жөн эле.

- Элден уккансың го?

- Эмнени? - Шермат кызыга токтоп ал адамга тигилди.

- Элден уккан уламышты.

- Жарыктык, уламыш деген илгерки өткөндөр жөнүндө айтылат да.

- Бул дагы өзүнчө сыр, балам, жакшынакай болуп адам жашап жүргөн үйдүн аз убакыттын ичинде көрүмчүсү бар үйгө айланганы абдан кызык да, - деди ойлуу.

- Ормонбек деген киши эмнеге бул үйгө жашабай калган?

- Аялынын үйүнө көчүп кеткен.

- Бул үйгө жашагысы келбедиби?

- Сен жаңкы гезиттердеги иштегендерге окшоп сурайсың да, гезиттен эмессиңби? - Карыя көзүн жүлжүйтө карады.

- Жо-ок, мен Өмүраалынын баласымын, билчү белеңиз?

- Оо мурдуңду урайын, тиги Сарымсактын баласы Өмүраалыбы?

- Ооба.

- Эмне бул үйгө кызыгып жүрөсүң?

- Жөн эле, көргүм келди.

- Көрбөй эле кой, мурда жай адамдар жашаган үй эле, шек-шыбаты деле жок үй болчу. Ормонбек кеткенден баштап адегенде тынч эле болчу, анан эле үйдүн ичинде чырактай жарык күйө баштады, акырындап аялдын элеси көрүнүп калды дешет, бирок мен көрбөдүм, - деди да артына бурулду. - Бара гой, балам, жолуңдан калба.

- Рахмат, аксакал. - Шермат жолун улады. Айтылуу үйдүн жанына барып сыртынан көргөндө эле жүрөгү шуу этип кулагына: "Мени өлтүрүп койгон, издеп таппасаң сага тынчтык бербейм", - деген аялдын үнү кулагына угулуп, эки колу менен башын мыкчып, көзүн жумуп туруп теңселе калды. Бир топтон кийин эсине келип кыйрайып турган керешкени ачып, үйдүн эшиги жакты көздөй басты. Ошол маалда көз алдына кирпичке жайылган кан, жыгылган аял элестеди. Андан кийин олбурлуу эркектин аялды түртүп ийгенин көрүп көзү алая тура берди. Кайрадан каалгага жете берип, түшүндөгү эшик экенин билип таңгала: "Мен эмне болуп жатам, бул эмнеси, мен төрөлгөндө болгон окуя болсо мага кандайча тиешеси бар?" - деп кобурана кулпулануу эшикти ачып киргенге даабай артка бурулду. Тез-тез баса сыртка чыгып, керешкесин бекитип коюп үйүнө келди. Өзүнчө беймазаланып жатып калды. Ал күнү дагы баягы аял түшүнө кирди, бул жолу ал ачуулуудай көрүндү: "Мен али тирүүмүн, сен мени тапсаң гана өз дүйнөмө кетем, болбосо сен өлүшүң керек, менин жаным сенден!!!" - дегенин угуп ыргып турду. Уктабай эле ойгоо жатканда көрүнгөндөй болду. Түнү бою уктаган жок. Эртең менен Шермат апасынан:

- Апа, Ормонбектин аялы кайсыл күнү жоголгонун билесиңби? - деп сурады.

- Мен, сени төрөгөн күнү жоголуптур, аны эмнеге эле сурадың?

- Ошондо сексен сегизинчи жылы онунчу сентябрь күнү экен да, түшкө чейинби же түштөн кийинби, саат канчада төрөдүңүз эле?

- Капырай, эмнени эле сурап жатасың, эртең менен болчу, саат ондордо болсо керек, мени төрөтканага атаң тогуздарда алып барган.

- Анда ал ошол убакта өлгөн болсо, туура экен да, - деп жүгүрүп кетти, Айтолкун делдейип карап туруп калды. Шермат участковыйга барды, ага түшү жөнүндө айткан жок, болгону Ормонбекти алып барып, төркү үйүн ачтырууга жардам берүүсүн өтүндү.

- Түшүнбөдүм, жигит, эмнеге андай дейсиз? - Участковый Шерматты таңыркай карады.

- Сиз мага жардам бериңиз, анан чындыкты билгенде көрөсүз, - деди Шермат энтиге.

- Мен андай кыла албайм.

- Мен сизге адам өмүрүнө зыян келтирген окуяны ачып бермек болуп жатам, байке, ал менин өмүрүмө түздөн-түз тиешелүү! - деди Шермат үстөлдү муштуму менен бир уруп.

- Жигит, эгерде эч кандай далил табылбаса өзүңдү камакка тыгам.

- Жарайт, мен макулмун, тек Ормонбек аганы алып алыңыз.

- Макул, керт башың менен жооп бересиң.

- Даярмын, эч жакка билдирбей туруңуз, мен бир нерсени так билем, ал аялын өлтүргөн. Жок-жок, атайын өлтүрбөптүр, түртүп ийгенде жыгылып кетип кирпичке тийген, коркуп кеткен күйөөсү өлдү деп көмүп таштаган, - деп Шермат аптыга сүйлөп жатканда участковый таңгала карап отурду. Анан ишенген-ишенбегени белгисиз үндөбөй өйдө турду да, бөлүмдөн чыгып, машинесин Ормонбектикин көздөй айдап жөнөдү. Ал келгенде Ормонбек үйдө болчу, жүрөгү шуу эте түштү.

- Сиздин үйүңүздү ачып көрүшүбүз керек.

- Эм-эмнеге?

- Иш бар, аялыңыз эч жерде жок, төркү бөлмөнү ачып карайбыз, - деди участковый Ормонбекти көз айрыбай тиктеп, ал көптү көргөн неме болчу, өңү заматта өзгөрүп кеткенин байкады. "Бир сыр бар экени чын окшойт", - деп ойлоду ичинен.

- Ал үйдү… ал үйдү текшергенде…

- Көрөбүз, кылмыш деген жүз жыл өтсө да ачылбай койбойт, жүрүңүз, - деди орой. - Баарын кылып аласыңар дагы далбастап каласыңар, кылмышкер адам жаза алууга тийиш. Алар Ормонбектин үйүнө келишкенде үй ичи бир башкача болуп, эми эле бирөө шыпырып койгондой таза болуп турган экен. Шермат кирээри менен дагы аял жыгылган плитаны көзү чалып эңкейип колуна алды, кирпичтин сыртына капталган жука тыныкенин сыртындагы кан карайып катып калган.

- Байке, мына буга башы тийгенде эси ооп калган, - деди эле Ормонбек өңү боппоз боло:

- Сен аны кайдан билдиң? - деп жиберди.

- Сиз аны өлдү деп ойлоп көмүп салгансыз, жаны менен, - деди Шермат жооп ордуна. - Албетте өлтүрөйүн деген оюңуз болгон эмес, коркуп өзүңүздү кармай албай калгансыз…

- Ой тобо-о, сен аны кайдан билдиң? - деди Ормонбек таңыркаганын жашыра албай, ага жооп да кылбай Шермат түз эле түшүндөгү бөлмөгө кирип барды. Төшөлгөн шырдактар ошол бойдон турган экен, бирок бир дагы чаңы жок. Бирок өйдө кылганда шырдак күбөдөн үбөлөнө баштаган экен, бөлүнүп-бөлүнүп кетти.

- Бул жердин алдын казыш керек, - деди Шермат.

- Болду-болду, эми калганын айтып берем, туура ошондой болгон, - деп Ормонбек эшикти көздөй жөнөгөндө участковый алдын тороду.

- Каякка, качам деп ойлобоңуз.

- Качпайм, мык сууругучту алып келейин, - деген Ормонбек балка-чотун алып келгенде андан чочулап карап турушту. Участковый курундагы пистолетин даярдап кармап алды. Кара терге түшүп полду ачып, үйүлгөн топурак көрүнгөндө Шермат менен участковый бири-бирин карап калышты.

- Таңгалыштуу, ушуну ойлоп тапкан амалкөй экенсиз.

- Жыйырма жыл, - деди Шермат. - Мен төрөлгөн саатта болгон окуя…

- Эмне-е? - Ормонбек Шерматты эми көргөндөй карады. - Сен кимдин баласысың?

- Өмүраалынын.

- Айтолкун апаңбы?

- Ооба.

- Ошондой де.

- Бол эрте, - деп участковый тапанчасын кадап калганда беш-алты аял-эркек кирип келишти, алар коңшулары болчу, участковыйдын унаасын көрүп топтолуп келишкен. Алардын артынан дагы элдер келип жатты. Ормонбек аялдын оролгон денесин алып чыкты. Төшөктөрдү ачканда келиндин денеси эч нерсе болбогондой суналып жатканын көрүп, жакаларын кармашып келме келтиришти. Чачы менен тырмагы гана өсүп, жүзү нурданып турган экен. Ормонбектин колуна кишен салган участковый:

- Сиздер бир туугандарына кабар кылыңыздар, дал ушул үйдөн жаназасын окутушсун, - деди да, чыгып кетти. Өлүктүн үстүн жаап коюп, эл түрүлө эшикке чыгышты. Ар жерде эки-үчтөн болуп шыбырашып жатышты, алардын ичинде Бекжан аялы экөө дагы бар эле.

- Өлүгүңдү көрөйүн акмак, өзү өлтүрүп коюп, анан элге доо кылганын кара, бизди ажыраштырып койо жаздабады беле? - деди Гүлсүн жанындагы аялга шыбырай.

- Ошону айтсаң.

Шермат ишим бүттү дегендей терең дем ала үйүнө келди. Көп өтпөй эле Айтолкун үйгө кирди:

- Өлүгүңдү гана көрөйүн десе, Ормонбекти кудай жазалагысы бардыр, байкушту өлтүрүп өз үйүнө көмүп койгон тура.

- Эмне дейт, кимден уктуң? - Өмүраалы жамбаштап жаткан жеринен өйдө болуп аялын ормойо карады. - Ким айтты сага?

- Эл кетип жатат, эшигине үй тигет имиш.

- Кудай у-ур, баралы анда, - деп чапанын кийип ордунан турду. - Жүрү эл менен бирге бололу.

- Барбай анан, - деп сүйлөшкөндөрүн Шермат угуп жата берди. "Кызык, жыйырма жыл бою эч нерсе болбой жатканын кара, кандайча чириген эмес, бүт денеси ошол бойдон", - деп ойлонуп алды. Ошол эле күнү эки иниси, ага-жеңелери келип сөөктү алып кетмек болду эле эл чурулдап ийди. Эң улуу, көптү көргөн карыя:

- Балдар, эми сөөктү кыйнабагыла, бечара шейит болгон экен, кыймылдатпай ушул жерден эле жайына бергиле. Бул жер алдында бузулбаптыр, кол тийээри менен ылжырай түшөт, козгобой эле койгула, акыры минтип жыйырма жыл дегенде билинип отурат, - деди.

- Эл эмне дейт, бир туугандары алып кете албаптыр дейт го, аксакал? - деди элүүлөрдөн өтүп калган агасы Бексултан.

- Эл мына, биз турабыз, балам, жыйырма жылдык өлүктү кечээ өлгөндөй ары-бери сүйрөбөгүлө, бүгүн түндөп жай каздыруу керек. Балдар, киришкиле, коңшу-колоңдор, кыймылдагыла, үйдү тигип, союшураңды сойо бергиле! - дегенде Бексултан, Нурсултан менен Кансултан үчөө ары жакка барып кеңешишти да, бир бээ алып келип союп, кам көрө башташты. Шермат ойлонуп жатып уктап кеткен экен: "Мен сага ыраазымын, балам, эми мен кетип жатам, жыйырма жыл кыйналган жанымды жай алдырдың, бул сага", - деп колуна бир башкача жалтыраган ачкыч сымал бирдеме салды. Шермат таңгала ачкычты карап, кайра аял кеткен тарапты караса аппак булут сымал калкылдаган ак кийимчен аял алыстап барып көрүнбөй калды. Эл өзүнчө күбүр-шыбыр:

- Ормонбек акыры өзү айткан окшойт кургур, арбагы тынч койбой кыйнаса керек?

- Ошондой го болбосо ким билет, үйдүн ичин кара, жыйырма жылдан бери киши буту кирбеген үй чаң басып кетпейт беле.

- Байкуш, өзү таза келин болчу.

- Кудай ургур, жанагы аялы үчүн өлтүргөнүн кара, ошого убалы жетип балдары дагы токтогон жок, убал деген уктатпайт да, - дешип жатышты. Эртеси эки баласы келди, Айбеги боздоп ыйлап ошол жерде, тирүү болсо келет деп жүргөн балдары жаман болушту. Субанбек ачуусу менен участковыйга барды.

- Атамды көрсөм болобу? - деди дароо эле.

- Атаң ким?

- Аялын өлтүргөн киши!

- Болбойт, аны сурактан кийип алып кетишет.

- Мага бир көрсөтүп койгулачы, айтаар сөзүм бар, - деди ал ызырына. Участковый аны ойлуу бир карап жанындагыга:

- Өзүң жанында бол, - деп ачкычты берди.

- Ал өзү айттыбы муну? - Субанбек кайра участковыйга кайрылды, отуз жетиге чыгып күчкө толуп турган жигиттин көздөрү жайнап өткүр эле.

- Жок, изилдөө жолу менен табылды.

- Рахмат, - деген Субанбек сержанттын артынан басты. Темир эшик шарак-шарак эте ачылып, колу кишенделген Ормонбек клетканын ары жагында турду.

- Субанбек… уулум…

- Уулум дештен эбак ажырагансың, бул жашоодо эмне максат менен жашадың, көрөөрүң ушул беле?! - деди Субанбек буулуга.

- Кечир, уулум…

- Уулум дебе, биз эми акыретте гана жолугабыз, жазаны катуу берүүсүн өтүнөм, жыйырма жыл тамагыңдан аш өтүп, элдин жүзүн кантип карап жашап жүрдүң? Сенин ордуңда мен болгондо эбак мойнума алмакмын, эми балдарым бар эле деп оюңа да алба, закон болбогондо бүгүн апамдын жанына тирүүлөй коймокмун! - деди да, артына бурулуп чыгып кетти.

- Субан, уулум! - деген Ормонбек көзүнүн жаш куюла тура берди. Субанбек участковыйга келип:

- Сурактын кереги не, жазасы өлүм болсун! - деп чыгып кетти.

- Азамат жигит экен, - деди сержант шеригине карап.

- Мен дагы ушинтмекмин.

- Туура, кандай жаза болоор экен ыя?

- Аны сот чечет, ага-инилери бар дейт го.

- Эмнеси болсо да оор жазага кириптер болот да, - деп өздөрүнчө сүйлөшө калышты. Болгон окуяны уккан Гүлнара эшикке чыга албай калды, атасынан акча алып, Ормонбектин абалын сурап да койбой басып кетти. Айбектин баласы менен аялы ошол жерде эле, алар өз үйүндө өлүк камы менен жүрүшкөн. Бир түнөтүп эртеси өлүктү жуур маалда бир таңгалыштуу окуя болуп өттү. Балдары сыртта турган, молдолор ыйлаганын токтото жууй турган аялдарды даярдап суу камдатып:

- Келмени тез-тез айтып тургула, колуңарды этият кылгыла, денеден сөөк ажырап калбасын, - дешти. Үч аял кирип, келиндин эми үстүн ача бергенда баягы ажырап кетет деп жаткан жыйырма жылдык өлүк күнү бүгүн гана өлгөндөй жакшынакай болуп жатыптыр. Келме келтирип алып суу куйган аял оозун жаба суу куюп, экөө жууй баштаганда денеси кадимкидей эле жуулду, дал ошол убакта оозунан көк түтүн сымал буу чыгып түндүктү көздөй созулуп барып жок болуп кетти. Ыйлап отурган аялдар түндүктү карап келме келтирип, билбегени жакаларын карманып: "Ээ кудай, жаны эми чыкты окшойт", - деп эстери оой тура беришти. Сөөктү жууп, кепиндеп мүрзөнү көздөй баратканда көпчүлүктүн арасында Шермат атасы экөө да бар болчу. Көрү да тез эле бүтүп, жерге беришти. Молдо жууган аялдарды мүрзөдөн кийин чакырып алып сурады эле, алар көргөнүн айтканда:

- Иншалла-иншалла-а, бечара келинди жаны чыга электе эле көмүп салган экен, туура бейишке кетти, анын арбагы тирүү, эч бир күнөөсү жок тура, - деп балдары менен бир туугандарын чакырды. - Силер үч күн мүрзөгө барасыңар, үчүнчү күнү кабырдын четинен оюкту көрөсүңөр, ошондо бир малды союп, ордун куру койбой бүкүлү көмгүлө, - деди.

- Мүрзөнү ачабызбы?

- Албетте, тиги дүйнөсүн берди келиндин, мен мындайды көргөн эмесмин, бир жылда чирип калган сөөктү көргөмүн. Бул да болсо алланын буйругу, күнү бүгүнкүдөй жатыптыр, кыйналып өлгөн, тирүүлөй көмгөн, - деди молдо.

- Ошондо бала экенмин да, - деп ызырынды Субанбек.

- Билгенибизде аман алып калмак экенбиз, - деди Съездбек.

- А-бу дегенде да алланын жазганы, эми жети күнгө чейин бул үйгө шам жагып тургула, мында калган руху жай алып өзү менен кетсин, жаткан ордуна мык кагып таш бастырып койгула, руху кайрылып келбей турган болсун. Өлүү дегени менен адам ал дүйнөдө деле жүрө берет, аякта алдым-жуттумдук жок, ичип-жебейт, болгону рух жашайт.

- Атам эми күнөөлүү да, ал кийин эмне болот? - деди Айбек.

- Атаң бул дүйнөдө жазасын өтөйт, ушунча жыл кечирим сурап келгендир кудайдан, эң кечиримдүү, мээримдүү да, боорукер бул жараткандын өзү, жазасын өзү гана таразалайт.

- Канча жыл өттү, апам болсо жок, атамды куткарып алсак болбойбу? - Айбек эки агасына карады.

- Кереги жок, бир аял деп өз аялын өлтүргөн, балдарын карабаган адамга өлүм жазасын берсин! - деди Субанбек жини келе.

- Ооба, биз дагы ошентип жатабыз, - деди агасы Бексултан. - Жашоого акысы жок, - дешип сүйлөшүп, ырым-жырымдарын жасашты. Үч күнү мүрзөсүнө барып, куран окуп келип турду, айткандай эле мүрзөдө оюк пайда болуп калган экен… Ошентип Шермат эс ала түштү. Бир күнү кызык окуя болду, өйдө жакта жашаган бир аял келиптир. Сыртта жүргөн Нестан ал аялды көрүп:

- Сизге ким керек эле? - деди.

- Өмүраалы дегендин баласы Шермат ушул үйдөбү, кызым?

- Ооба, эмне болду?

- Мени ошол балага жолуктурчу, айланайын.

- Кандай жумушуңуз бар эле?

- Өзүнө айтам.

- Неге? - Нестан таңгала: "Бул эмнеси, бир нерсе болгон го, эгер кызы менен жүргөн болсочу, анда эмне болот, эмне болсо да көрөйүн", - деп ойлонду да: - Кириңиз, - деди.

- Ыя кызым, келген кишини сурабай эле киргизчү эле го?

- Эмнеге?

- Капырай, мени алпарчы ошо балага, - деген аялга Нестан таңгала карап:

- Шермат, чыкчы эшикке! - деди.

- Апей, кызым, эшикте сүйлөшөбү? - деп таңдана Нестанды карады тигил аял.

- Сүйлөшө берет, - деп койду жини келген Нестан. Үйдөн уулун көтөрүп чыгып келе жаткан Шермат ал аялды тааныган жок:

- Келиңиз.

- Келдим, балам, элден угуп эле келдим, сен жанагы жыйырма жыл мурун өлгөн аялдын өлүгүн тапкан турбайсыңбы?

- Ким айтты? - Шермат күлө карады.

- Ботом, угам да, менин дагы бир балам жаңыдан Россияга элдер кетип жатканда кеткен, ошол бойдон жок, - деп бышактап кирди. Муну угуп турган Нестан күлкүсү келип, арам ойдон арыла басып кетти.

- Эне, мен эчтеке билбейм.

- Кой, балам, сени элдин баары айтып жатат, тиги учаскөбөй өзү таңгалыптыр, менин баламды таап бер, кагылайын.

- Жок, эне, мен биле албайм, - деди Шермат.

- Айланайын, балам, аман-эсенби көрүп эле берип кой, дегеле эчтеке аябайм, - деп аял ыйлап ийди.

- Эне-е, мен көзү ачык эмесмин, - десе да болбой көкүрөгүнөн баласынын сүрөтүн алып чыкты:

- Он беш жыл болду, бир кабары жок, же өлүү-тирүүсү билинбейт, - деп мурдун колу менен алып ары карай таштады. - Деги аман-эсен болсо келет беле, сени кечээ угуп алып келдим, садага, сураганыңды берейин, айтып берип кой, - деп бырылдап ыйлап жаткан аялга Нестан боору ооруп отургуч алып келип берди.

- Эне, убара болупсуз, кантип билмек эле, бул көзү ачык эмес.

- Жо-ок, балам, жыйырма жыл мурун өлтүргөн аялды тапкан оңой эмес, элдин баары таңгалып жатпайбы.

- Эне, ал бир дал келип калса керек, - деп Шермат ыңгайсыздана жаман абалда калды. Аялдын колундагы сүрөткө эрксиз көзү түштү, ошол замат көзүн жумуп жиберди, башка дүйнөдө жүргөндөй болду. Аны көрүп Нестан коркуп кетти, мурда мындайды көрбөгөн келин:

- Шерма-ат! - деп жиберди.

- Эмне? - ал көзүн ачып аялын карады.

- Кызыктай болуп кеттиң го?

- Эне, - деди Шермат ошондо, - балаңыз аман-эсен экен, бир жуманын ичинде көп байлык менен келет, - деди эле аял тура калды:

- Оозуңа май, айланайын, ошондой болсо кана.

- Эч кабатыр болбой уулуңузду күтүңүз, жолдо келе жатыптыр, ал Россиядан ары кеткен тура, келип калат.

- Оо кудай, айланайын, байлыгы менен курусун, өзү эле аман келсе болот эле, кудай жалгасын, айланайын, - деди да, эшикти көздөй жөнөдү.

- Сен эмне көзүң ачылып баратабы? - деп сурады Нестан аял кеткенден кийин күлкүсүн араң тыйып. - Кызык, таңгалып калганымчы, эми бир жумадан кийин кана баламдын келгени десе эмне дейсиң?

- Келет! - деп койду Шермат.

- Кантип билдиң?

- Көрдүм.

- Эмне? - Нестан күйөөсүн таңыркай карады.

- Такыбай жүр, менин ишиме тийишпе, - деп ары басып кетти, Нестан ойлонуп калып калды. Ошондон бир жума өткөндө баягы аял бир койду кичирээк балага жетелетип келип калды.

- Айланайын, жанагы Шермат балам кайда жүрөт, балам келди, сүйүнчүсүн алып койсун, батамды берейин, - деп эбиреп турганда Өмүраалы менен Айтолкун да бар эле. Нестан элейген боюнча: "Ал бир жума ичинде келээрин кайдан билди, кызык эле болду го", - деп ойлонуп турганда Айтолкун:

- Үйгө киргиле, бул кылганыңар болбойт, - деди аялга.

- Кой, мен өзүмдүн сөзүмө турдум, баламдын бир жумада келээрин кайдан билем, ал тургай көп байлык менен келет дегени да туура чыгып жатпайбы?

- Бу баланын качантан бери көзү ачылып калган? - деп Өмүраалы аялына ормойо карады. Айтолкун аны акырын нукуп койду.

- Үйгө кириңиз, - деп ал аялды үйгө ээрчитип кирди. - Бала эмеспи, эже, бирдемени сүйлөп койсо туура келип калат окшойт, көңүл калтыргысы келбейт да, - деп чай куюп отуруп айтты.

- Мейли, айланайын, эмнеси болсо дагы үмүтүмдү өчүрбөй айтканы келбедиби, ыраазылыгымды билдирейин деп келдим, - деп аял чайдан ууртай кубанычын жашыра албай отурду.

- Койду алып эле кетиңиз, бирөө укса эмне дейт, Шермат көзү ачык эмес, - деди күлгөн Айтолкун.

- Кой, сиңдим, менин ыраазычылыгым, уулума өзүм жолуксам болот эле, - деп эки жагын каранып калды, бирок Шермат үйдө жок эле. Акыры ал аял кетти. Кечке маал Шермат келгенде ага айтышты эле, ал күлүп тим болду. Айтолкун эл ичиндеги укканын айтпады: "Кудайым өзү ишаарат кылса аткарбаска болобу, балам ичкилик ичпейт, тамеки тартпайт, кудайым сүйүп берген касиетти кармана берсин", - деп ойлогон. Шермат бир күнү түш көрдү, түшүндө бийик тепкичтин үстүндө отурган экен, аппак кийинип алган. Бир убакта ак сакалы жайкалган карыя пайда болду, анын жанында узун ак көйнөк кийген, аппак жоолукчан аял жүрөт. "Балам, сен мойнуңа алган жүктү таза, адил аткарышың керек, - деп ылдыйда толгон элди карай колун жаңсап көрсөттү. - Мына бу элдин көйгөйүн чечесиң, ак иштеп, алланын жолунда таза жүр, ылайым Манас атаңдын арбагы колдосун! Аллага жүрөгүм менен кызмат кылам деп кайталап айт", - деп айтты. Ак кийимчен аял: "Балам, адамга жамандыгың жок, дилиң таза, ошондуктан адамдарга туура жол көрсөтсүн деп сени алла таала өзү тандап алды. Беш убак намаз оку, ырыскы өзү келет, бул касиеттүү аянды жадыңа сакта, сен элге керексиң", - деп бата берди. Арттагы эл чогуу алакан жайып бата кылып жатканда ойгонуп кетти, бирок бул жолу ал чочуган да жок, жүрөгү бир аз тез-тез согуп жатыптыр. "Кабыл алдым, жараткан, өзүң жараткан кулуңмун", - деп жиберди. Ошентип эртеси эрте туруп даарат алып, намаз окуй баштады. Адегенде Өмүраалы уулунун мунусуна таңгалды, жетимишке карап калса дагы өзү намазга жыгыла элек болчу. "Ээ алла, өзүң кечир", - деп алды купуя.

Назира эгиз балдары менен алек болуп үйдө, кайната-кайненеси өз кызындай көрүп жакшы карашат. Бектемирдин аялы Сулуукан абдан жакшы аял, кайда барса келинине белек-бечкек алып келмейин келбейт. Улуу баласы аялы экөө Америкадан келип, алар дагы Назирага атайын алтын жасалга ала келишиптир. Бектемир уул келинине арнап семиз тай сойду. Алардын үйүндө кызматчылар бар, Назиранын колу ишке тийбейт, балдарын караганга дагы бир келинди жалдап койгон. Элмирбек деле бош, малын жайы-кышы баккан үй-бүлөлөр бар. Арстанбектин баягы үйү оңолгон, ичи-тышын шыбатып зыңкыйтып койгон, короосу тосулуп заңкайган дарбаза туруп калганда эл бир суктана сөз кылып жатып калышты.

- Байкуш кыз Арстанбектин багына төрөлгөн экен, өмүрү кийбеген костюм-шымды кийип, кайкалап басып калды, - деп шыпшынды коңшусу Анипа жанындагы аялга.

- Ой анысы түштөн кийин эле оонап келет, ичкенин таштай албай койбодубу, - деди үч-төрт үй ары турган Жамалкан.

- Эми ичсе жарашып эле калбадыбы, эшигинде үрүп чыгаар ити жокто деле ой-санаасы жок бозо ичип жүрө берчү эмес беле.

- Ошону айтсаң, Назиранын багы бар экен, өткөндө райондон көрдүм ай, колунун беш салаасы, мойну жарк-журк этип алтын, тим эле министрдин катынындай көйкөлөт.

- Мейли байкуш, төркүнүндө эмнени көрдү дейсиң, - деди Жамалкан токтоо.

- Ооба десең, эмнеси болсо дагы Шуру чалкалап эле калды, баягы туурулган таардын үстүндө отурганы эсинен чыгып, кыз-күйөөсү күн алыс машинага салып алып кетип кайра жеткирип койот. Өткөндө туулган күнүндө кыз-күйөөсү алтын чынжыр, шакеги менен сөйкөсүн белек кылыптыр, эми тишин суурутуп жатат, алтындан салат окшойт.

- Бирөөнүн бактысына бирөө туулат тура, - деп экөө көпкө чейин сүйлөшүп отуруп, үй-үйүнө кетти. Арстанбек кечке маал кыйшайып зорго басып келди, аны көргөн Шуру:

- Деги сен уялбайт экенсиң го, Назираны күйөөсүнө кеп-сөз кылып бүттүң, - деп кийимин чечип жаткырып койду. Арстанбектин ичкен менен эч зыяны деле жок, унчукпай келип жатып алат да, эртеси Шурунун какшаганын үндөбөй угуп, басып кетет. Бүгүн дагы кыйшая басып жөнөгөндө баласы Ырысбек:

- Ата, кайда барасың? - деди артынан.

- Мындай эле басам.

- Мындай баспай жерге кир, сени бүгүндөн баштап камап койбосок болбой калды, - деп Шуру үйдөн чыга калды. - Каерде ичип жаткандарды таап мурдуңду тыгасың ээ, уят-намыс дегенди билбейсиң, деги ойлоносуңбу?

- Ойлогондо эмне, кудай берет, жашоо деген өңгүл-дөңгүл жолдордо-ой, өмүр өткөр эч кимге сен кор болбой. Сен пендесиң өмүр өтөт бир күнү. Көңүл кушуң көтөрүлсүн бой-бой-бой! - деп Арстанбек адатынча кыңылдап жөнөгөндө Шуру атырылып келип аны желкеден алды.

- Сен эми үйдөн чыкпайсың, ичкениңди таштабасаң үйдөн кетесиң! - деп дегдеңдете жетелеп үйдөгү кичинекей бөлмөсүнө киргизди да, сыртынан кулпулап койду.

- Шуру, ач дейм, Шуру, ачып койчу, бай болгур, ичкенде силерге зыяным деле жок го, ачып койчу!

- Азыр агаңды, туугандарыңды чакырып келип, ары же бери болом! - деп Шуру бөлмөдөн алыс кетип калды. Балдарынын улуусу Ырысбек онунчу класс, Турусбеги сегизинчи класс болуп калган. Үй-жайы оңолуп, турмушу эл катары болгонго Шуру дагы абысын-ажындары менен кээде отурушка катыша баштаган эле. Мактанбайт деле, бирок эл көзү көрөнөк эмеспи, анын жакында эле кыз-күйөөсү белекке берген жасалгасын жууп, улуу абысыны менен өзүнөн кичүү үч абысыны келип калышты. Аларга эшиктин алдынан бир тоок сойдура коюп, тамак жасап, дасторкон үстүн жайнатып салды.

- Шуру, сенин жасалгаңды көргөндөрдүн көбүнүн ичи күйүп жатат, адамдын ичинде кара таруу айланбаганы да толуп жатат, - деди абысыны Айнаш. - Көрө албагандардын көзүнө көр топурак өлүгүңдү көрөйүн десе.

- Ичи күйсө туз жалабайбы, жеңем менен акеме Назираны кудай сүйүп бербесе кайдан, ошол кызыбыздын бактысы бөксөрбөсүн!

- Ооба, айтканыңар келсин, менин кызым силердин дагы кызыңар, жалпы намысыбыз эмеспи, айткан эл айта берсин, алтындарым, - деп Шуру шакылдай чайдан сунуп, арак куюлган стакандарды карматты. - Кана эмесе, жеңе, улуубуз да, сулуубуз да өзүңүзсүз, эми сүйлөп кой, - деп жеңесине кайрылды.

- Эми мен эмне дейин, - деген Айнаш абысын-келиндерин сыдыра карады. - Биз аялдар амалдуу да келебиз, айлакер болобуз, ушу күйөөлөрүбүздү эл кылган биз, заматта кара булут айлантып душман кылып коюш дагы колубуздан келет. - Күлүп алды. - Ошондуктан бизге нысап берсин, балдарыбыздын урмат-сыйын көрө турган куракка жеттик. Алдыбыз келин жумшап кызматын көрүп калдык, артыңар бойго жеткен баланын кубанычына кубаттанып, жакшылыкты кудайдан тилеп турган кезиңер. Ушул Шурунун алгачкы кубанычы, тун кызынын бактысы кут болуп, ылайым эле иши оңолуп, кайним экөөнүн ырыскысы саан уйдун каймагындай калкылдап калың болуп, май көл, сүт көлдүн үстүндө жүрө беришсин!

- Оой, жеңемдин тостту алтын тост болду, кана эмесе алып жиберели! - Гүлзинат дегени шакылдай стаканды көтөрдү.

- Айтылгандар туш болсун!

- Ыраазымын, жеңе, мага тилеген тилегиңер, жакшы каалооңор кабыл болсун, өзүңөрдүн үйүңөргө да кетпес дөөлөт, бөксөрбөс ырыскы толсун! - деп Шуру жүзү албыра бактысына ыраазы болгондой аларга жылмая карап колундагыны көтөрдү. - Алып койгула, бир туугандар!

- Кана эмесе алдык, биринчи тостто баарын сүйлөп койсоңор бизге сөз калбай калат, - деп шакылдап алып ийди Фарида. Абысындар бир топко чейин бакылдашып тооктун эти бышканча эки бөтөлкөнү бошотуп жиберишти. Тамак келгенден кийин Шуру эң жакшы деген аракты алып келди:

- Муну өткөндө Нази менен Элмир алып келген, Москвадан келген имиш, ушуну катып жүрдүм эле, силерге насип экен. Өзү ачуу болсо да тилеги таттуу бул тамактын ичтегинин баарын чыгарчу бир керемет сыры бар го чиркин! - деп стакандарга куюп, сары паднос менен абысындарына узатты. - Мына бул телефонду да алып келиптир.

- Мына бул падносуң алтындын буусуна кармалган го, жеңе, - деди Фарида суктана. - Эми Америка менен сүйлөшө турган болупсуз.

- Ооба, өткөндө Нази ушундан экини алып келип берди.

- Азамат, кыз болбосоң койо кал, эжесинин жолун жолдоп биздин кыздар дагы жакшы жерге барышсын.

- Жеңе, эмки жылы кармаганыңдын баары алтын болуп душмандарыңдын ичи өрт-төнүп жүрө берсин!

- Айтканыңар келсин! - дешип баары алып ийишти. Алар дуулдап жатканда Арстанбек эшикти кайрадан тарсылдата койгулап кирди:

- Шуру, ачып койчу эми, эч жакка барбайм, табарсыгым кыстап жатат, ачып койсоң, бай болгур!

- Ай жеңе, акемдин үнүбү?

- Ой ошо куруп кетсин, күндө кийимин зыңкыя кийип кетип кечинде кыйшайып балчыкка оонап келет, камап койгом, - деп Шуру ордунан тура жөнөдү. Арстанбек эшикти ачканда эле жүгүрүп сыртка чыгып кетти. Шуру аны карап туруп кайра киргизди да, табака тамак-аш көтөрүп кирип берди.

- Унчукпай жат, үнүңдү чыгарба, элге уят кылганың жетишет! - деп кайра сыртынан бекитип койду.

- Акем байкушту "домашний арестке" алдыңбы, жеңе? - Гүлзинат күлүп калды.

- Ошого өзү күнөөлүү, күйөө баладан деле уялат экенсиң.

- Уялбай анан, урушуп-тилдеп жатсаң да баары бир, эми камаганыңдан бирдеме чыгаар бекен? - деди Айнаш кейий.

- Эми аны үйдөн чыгарбайм, ачкыл суу ичирсем өлөйүн. Элестетсеңер куда-кудагый менен бир чекеси тердеп отура элек, алар деген зыңкыйган немелер, ээрчиткенден уяласың. Нази болсо ыйлайт, мага жакшы атаны бирөө бермек беле, жаман болсо да өзүмдүн атам деп. Бирок мен эле болбой жүрөм, ичпесе өзүңөр билесиңер момундугунда чек жок, - деди Шуру сырын жашырбай жебиреп.

- Ичкени болбосо соосунда да, масында да эч кимге зыяны жок байкушум, - деди Айнаш.

- Ооба десең, сизди бир жолу сөккөнү барбы, жеңе?

- Жо-ок, сөккөн адаты жок, ичип келип өлүктөй сулаганы гана…

- Баары бир ичкен кишини алкаш дешип кадырлашпайт да эл деген, балдары да бойго жетти. Ичкенин коюп сый-урматта болгону жакшы эмеспи, канча өмүр калганын кудай билет, ошол үчүн күндүк өмүрү болсо жорго мингени жакшы, - дешип абысындар бири-биринен өтүп акылдуу сөздөр чыгып шарактап отуруп, анан тарашты. Бир аз кызып калган Шуру коңшусу Анипага барды, ал аны көрүп эле шыпылдай тосуп алды, экөө тең чамалуу.

- Кел, Шуру кел, жөн-жай элеби?

- Жөн-жай эле, жүрү үйгө, абысындарымдан калган кешиктен ооз тийсин деп чакырып келдим.

- Чакыргандан калба, өзүң басып барба деген. - Анипа кылтыктай күлүп койду. - Сен чакырып жаткан соң барбасам болбос.

- Жүрү анда, биз абысындар ынтымактуу эмеспизби, күйөө балам алып келген белекти жууп келишиптир, болгондо дагы ал жасалга эки жарым миң доллар турат имиш.

- Кут болсун, ушул бактыңа тобо кыла бер, Шуру.

- Ооба, тобону ичимден миң кайталап отурам.

- Сен жакшы аялсың, сенин жакшылыгыңдан Арстанбекти эр кылып отурасың да, - деп көтөрө чалып мактап жатты Анипа.

- Эрдин ысыгы да суугу да аял үчүн мыйзам, байкуштун ичсе деле зыяны жок дечи, - деди Шуру эрин жамандагысы келбей. - Мен аялмын да, аял деген баары бир аял, эркектен кылым төмөндүк кылып коюшубуз парз.

- Ай укмуш аялсың да, - деп Анипа каткыра Шуруну жонго чаап койду. - Дегеле эриңди жамандаганыңды көрбөйм.

- Жамандаганда эмне, алтындай кызды, жылдыздай уулдарды ошондон төрөп отурсам кантип жамандайм? - деди Шуру, Анипаны сынап. Бир жагы үйүндөгү өзгөрүүгө мактанып, көз карашы, сөздөрү кандай болоорун байкамак болуп алып келген. Дасторкон жайыла элек эле. Ырысбек менен Турусбек тамактанып отурган экен, аларды көргөндө эле туруп кетишти.

- Айнаш эже дагы келдиби? - деди жайылган дасторконду көрүп Анипа.

- Ал абысыным деген эле сөз болбосо эже-сиңдидейбиз, - деди Шуру атайын. - Эжемдей камкор. - Шурунун минтип атайын айткан себеби Анипа үч абысын, үчөө бири-бирин аңдып турат, бири жаңы чыккан кийим кийсе калганы дагы сөзсүз алып кийиши керек. Үчөө бири-бирин ушактап, кез келген жерде урушуп кетишет, ошондуктан ага ошентип айтты.

- Сен жакшы аялсың, Шуру, пейилиң кенен, жүрөгүң таза, эгер сен башкача аял болгонуңда көрөт элем аларды, - деп Анипа чуйруңдай төргө өтүп отурду. Шуру казандагы палоодон салып келди, бөтөлкөнүн жарымынан калган арактан баса куйду.

- Кел эми, канча жылдан бери коңшубуз, бири-бирибизди билебиз, Назини билесиң. Ошол өткөндө күйөө балам экөө алып келген, Москвадан келген арак. Кайнагасы жашиктеп алып келген экен, үч-төрт бөтөлкө алып келип, апа, келген-кеткениң болот, бекитип кой деген. Ошону бүгүн абысындарыма буздум, кел алып койолу.

- Назинин бактысы тоодой болсун, эч нерседен кемибесин, жанагы эки эгиз балдарынын кадырлуу эне-атасы болуп жүрө берсин, - деп Анипа алып ийип күрүчтөн сугунду.

- Шашып эле тоок сойо койдум, эт калбаптыр капа болбо.

- Эмнеге капа болмок элем, чакырып койгонуңа ыраазы болуп отурам, - деп күлүп калды Анипа. Ичинен: "Кудай берем десе заматта экен да, болбосо кесе көтөрүп ун сурап эле жүрчү элеңер го, кызыңарды кудайым силердин багыңарга берген тура", - деп ойлонуп ийди. Шуру бир аз кызуу болгону менен анын ар бир кыймылына, кебетесине көңүлүн буруп отурду.

- Бир кезде Арстанбек камыш каланган үйдө отурат, үрүп чыгаар ити жок эле деп кеп кылгандарды угуп жүрөм, мен бирөөнүкүн тартып албадым, уурдаган жокмун, кудайдын буйруганын гана көрүп жатам, Анипа, - деди ойлуу стаканга арак куюп отуруп.

- Айта беришет да, бир көзүң бир көзүңө жоо деген эмеспи, - деп Анипа кызаңдай кетти. - Элдин оозун ким тыят?

- Тыяйын деген оюм жок, тескерисинче айта берсин дейт элем, илгери өзүн жамандатыш үчүн алтын теңге берип айттырчу тура, бекерден күнөөбүз жеңилдей берсин, - деп койду кайдыгер.

- Ооба-ооба, илгери ошентчү экен. - Анипа тамактан алып, эч нерсени сезбегендей отурду. Жарты бөтөлкө түгөнүп, кайра дагы бирди алып чыкты Шуру. Экөө күүгүм киргенче отурушту, анан Анипа кызып үйүнө кетти. Шуру өтө кызуу болуп калган, күйөөсүн бөлмөдөн чыгарды:

- Кана, ичесиңби арак-шарап.

Кээде ал керегиңе калат жарап.

Экөөбүз тең ичели кел жарышып.

Кандай ширин, кандай жакшы бул арак! - деп Арстанбекти колтуктап алды.

- Шуру, сен ичип алдыңбы? - деп Арстанбек аялын карады.

- Эмне, мен ичсем болбойбу, мындан ары экөөбүз ээрчишип алып ичебиз, - деди аны төркү бөлмөгө киргизип. - Кана куяйынбы?

- Жок-жок, кемпир, ичсем өлөйүн, сен мага өчөштүңбү ыя, иччү эмес элең, кудай ургур.

- Ичтим, дагы ичем, эмне болуптур, эмнеге эле ичет десе сонун оокат турбайбы, - деп Шуру теңселе күйөөсүн кучактап өөп койду. - Ушундай жакшы тамакты таштабай эле кой ээ, алтыным?

- Апа, эмне болуп алгансың? - деп Ырысбек кирип келип ачуулана карап туруп калды. - Эмнеге ичтиң, бириңди койдура албай жатса, сен эмнеге ичесиң?

- Балам, апаң бир жолу ичип коюптур, унчукпай жаткырып койолу, - деп Арстанбек баласын тыйды.

- Бир жолу ичип коюптур деп, эртең да, анын эртеси да андан кийин да ичип кетсечи?

- Ичпейт, уулум, мен дагы оозума албайм, - деген Арастанбек аялын төркү бөлмөсүнөн өздөрү жатчу бөлмөгө алып кирип жаткырып койду. Ырысбек менен Турусбек бөлмөдөгү бөтөлкөлөрдү алып чыгып, дасторконду жыйыштырып, өз ордуларына жатып калышты. Түн бир оокумда башы зыңгырап ооруп калган Шуру ойгонуп алып оозу кургап калгандан суу ичкиси келди. Кээ-кээде ичип койчу, бүгүн башкача ичип койгон экен башы жарылчудай болуп ооруп турду. Суу ичкени ашкана бөлмөгө кирип суу жутуп эми кайрыла берип жарым бөтөлкө аракты көрдү да: "Муну көрсө Арстанбек ичип алат", - деп ойлонуп өзү куюп жутту. Калганын катып коюп, ордуна кирип жатып калды.

- Башың ооруп калыптырбы?

- Сен ойгоо белең? - Арстанбектин үнүнөн Шуру чочуп кетти.

- Ооба, башың ооруса тиерде турат, ичип алсаңчы, балдар уктап жатканда.

- Жок, ичпейм, кечээ жеңемдер келип…

- Эчтеке эмес, байбиче, анда-мында ичкениң эчтеке болбойт, мен мындан ары таптакыр ичпейм, - деди Арстанбек аялын кучактай.

- Чын эле айтасыңбы? - Шуру кубанып кетти. - Ичпейм дедиңби?

- Ооба, экинчи ичпейм, жакшы эле айбан болдум.

- Алтыным десе, ишенбей турам, сенин ичпейм дегениңе таңгалып турам. Балдар чоңойду, эл болсо эмне деген сөздү айтып жатат, көзгө көрүнүп калган балдарды уят кылбай адам катары жашасак кандай жакшы.

- Түшүндүм, кызымдын дагы бетине чиркөө кылбайын.

- Акылдуум десе, мен сени ошонуң үчүн сүйүп тийгемин да, - деп Шуру күйөөсүн өпкүлөп жатты.

- Кечээ баарын ойлондум, туура эмес экен, жашыбыз элүүгө чукулдап калганда ичип жүргөнүм уят экенин сездим. Сен менин көзүмдү ачтың, байбиче, - деп эрди-катын бири-бирин отуз жыл мурункудай сыга кучакташып таң агарып келе жатканда төшөктө жуурулушуп жатты. Ошондон кийин Арстанбек ырас эле ичкенин коюп, зыңкыя басып көзгө көрүнө баштады. Үйдө болсо бирин-экин малына карап, эки жагын жыйнап жаны тынбайт. Агасы Үрүстөмбек андан бетер кубанып калды. Калган туугандары сыйлап: "Тиги ичкич акем", - дегенин коюп, "акемчи, Ырысбектин атасы", - деп калганы ага болгон сый-урматты билгизип турду. Бир күнү Элмирбек менен Назира келип калды, эки уулун эгиздердин коляскасы менен машинага салып алышыптыр. Балтыр бешик болуп талпынып калган неберелерин Арстанбек жаңы көргөндөй колуна алып эркелетип жатты:

- Айла-анайын десе, таятасынан чоочуркабайт экен да, кана-кана, уулум, - деп көтөрүп алып ары-бери басат.

- Ата, кайсынысы шустрый экен? - деп Назира атасына карады. - Асан аябай жоош, а Үсөн болсо тим эле бейбаш. Сиз Асаны кайсы, Үсөнү кайсы табыңызчы?

- Экөө тең окшош экен, кантип бөлөм, кызым? - Арстанбек эки наристени алмак-салмак карап күлүп калды, - Өзүң айтчы, Үсөнү кайсы?

- Ата, мен өзүм оңой табам, кээде Элмир дагы тааныбай калат, опокшош кийинтип койсом ажырата албайт, - деп кубанычтуу бажырайды Назира. Күйөөсү экөө келгенде үйдө жок болуп же мас болуп жатчу атасынын жакшынакай болуп тосуп алганы аны чексиз кубанычка бөлөп, күйөөсүн жылмая карап коюп отурду.

- Келе гой, балам, кана келчи, Үсөн, - деп колун созду Арстанбек. - Үсөн десем өзү табылат да, балам.

- Ата, кел десеңиз экөө тең эле колун суна берет, - деди Назира бырсылдап күлүп. - Мунусу Асан, байкасаңыз бул жеринде калы бар, - деп Асандын так чекесинде чачынын алдындагы жүзүмдөй болгон калды көрсөттү. - А Үсөндүн болсо ушундай эле калы оң кулагынын алдында.

- Биз дагы ошол калдарынан улам ажыратабыз, - деп Элмирбек да күлдү.

- Келгиле, Нази, Элмир, чай ичкиле, балдарым, - деп Шуру ички үйдөн үн салганда чогуу кирип дасторконго отурушту. Андан кийин Элмирбек кайнатасына жардам берип сыртта жүрдү, Шуру неберелерин эркелете кызы менен үйдө сүйлөшүп отурду:

- Ий-ий кагылайыным десе, жаркылдап күлүп койгонуңдан сенин, - деп Асанды алып өпкүлөп кумарлана жыттады. - Ыйлаак эмеспи?

- Көп деле ыйлабайт, апа, анын үстүнө бала багуучу бар да.

- Садагаң болоюн десе, бактың кемибесе экен сенин.

- Апа, атам ичпей калганбы? - Назира баятан бери даярдаган суроосун бере салды.

- Ооба, кызым, атаң эми ичпейт, буйруса таптакыр ичпейм деп жатат.

- Жакшы болгон тура, көргөндө таңгалып калдым.

- Эми эсине келет да, кызым. Үчөөңөр төрөлгөнчө жакшы эле жүргөн, анан үч балалуу болуп силер окуп калганда жашоо кыйындай баштады, жумушу токтогондон баштап эле бекерчилерге кошулуп кээ-кээде ичип жүрүп көнүп кетпедиби. Өзү ойлонду окшойт байкуш, - деп кызынын чачынан сылай неберелерин алмак-салмак өөп бактылуу болуп турду.

- Мен дагы көп ойлончу элем, Элмирден уялчумун, жакшы болбодубу. - Назиранын кубанычы койнуна батпай апасына атасы жөнүндө кайра-кайра айта бергиси келди. Эки баласы менен эки күн болуп, үйлөрүнө кетишти. Шурунун сиңдиси менен иниси келип, жылыга үйлөрүн актап- сырдап беришчү болгон. Алар дагы келген сайын эжесинин эл катары жашап калганына, жездесинин ичпей калганына кубанып калышат. Ырысбек мектепти бүтөөрү менен Элмир өзү жардам берип окууга киргизип койду. Назира эки уулун жетелеп алып, эшиктин алдында ары-бери басып жүргөн. Кайненеси Сулуукан:

- Балам, эки бала менен зериккендей болдуң, эки күндөн кийин шаарга барып бир ай жүрүп келели. Тамаранын үйүндө болобуз, мен деле карыдым, кино-театрына барып, парк аралап көңүлүбүздү көтөрүп келели ээ? - деди өз энесиндей мээрим төгө.

- Апа, Элмир макул болобу? - Назира күлө сурады.

- Макул болбой көрсүнчү, биз эмне көңүл көтөрсөк болбойт бекен? - деп кемпир мулуңдай карады.

- Аа-а атам жибереби? - деди дагы күлүп.

- Атаңды мага кой, балам, жашообуз канча калды ким билет дегендей менин дагы эчкиникиндей жашым калды. Тамара жүрүп кет деп эле чакырып жатат, ушу тирликти таштай албай эле күймөлүп жүрбөйлүбү.

- Макул, - деп Назира унчукпай калды, өзү ичинен кубанып турду, шаарга барып көрө элек, окуйм деген ою да ордунан чыкпады. Ал ушул адамдарга чын пейилинен ыраазы, болбосо Арстанбек алкаштын кызы дешип аны ким назарына алып койду эле, жадагалса атасы дагы картаң адамга берип ийгиси келип калбады беле. Нике кайып деген ушу тура, капысынан пешенесине жазып койгон экен Элмирбек кудай кошкон жар болуп, бир дагы жолу атасынын ичкенин, колунда жогун айтпай келинин өз балдарынын катарында колуна жумуш бербей асырап отурган адамдарга Назиранын алкыштан башка айтаары жок эле. Бектемир өзү жардам бербедиби үйүн оңдогонго усталарды жөнөтүп, өзү цемент сатып алып, дарбаза тургузуп берип. Ушуларды ойлонгон келин кайненесине ыраазы боло жылмайып алды: "Жарыктык десе, туура айтат, карыган кезде колунда болгондон кийин эки жакты көргүсү келет тура, Элмир мени жиберээр бекен?" - деп ойлонуп турганда Элмирбек короого кирди.

- Балдарга ысык өтүп кетпейби, Нази, - деп эңиле эки уулун кучактап өөп, анан келинчегин өөп алды.

- Элмир, уят эмеспи, атамдар көрсө эмне дейт? - деп келин кылгыра карап наздуу жылмайды.

- Көрсө көрөт да, алар дагы жаш болушкан.

- Ошентсе да…

- Жаным, сени бир көрүп жактырып калгамын, ошол сүйүүмдүн кош данеги мобулар, - деп Асанды көкөлөтө көтөрүп, бетинен өөп ойноп жатты.

- Элмир.

- Ов, жаным.

- Апам шаарга барып, эжемдикине жүрүп келебиз дейт, сен макулсуңбу?

- Качан?

- Эки-үч күндө барабыз дейт.

- Мен дагы барам.

- Неге? - Күлкүсү келе карады.

- Сени сагынып кетем, - деп шыбырады кулагына.

- Кантип?

- Ушинтип эле, балдарымсыз кантип жүрөм?

- Чыдайсың да, апам экөөбүз балдар менен барып келебиз.

- Баары бир сагынам.

- Товарыңды ким сатат?

- Тура берет.

- Койсоңчу бала болуп кетпей.

- Бала болбой эле, силерден калбайм, азыр эле апама айтам, - деп үйдү көздөй басканда Назира кармап калды.

- Унчукпа, атам менен сүйлөшүп анан айтат, ошондо көрөсүң, мени айтып коюптур деп капа болот.

- Ма-акул, алтыным, - деп колясканы сүйрөп узунунан салынган бастырманы көздөй жөнөдү. Экөө ээрчише бастырмада жыйылып турган шифер менен үй салууга деген материалдарды карап жүрүштү. Ал жерде эмне гана жок, арматуралар, рейка, каалга-терезелер, мыктар менен кошо устундар бар, керектүүлөрүн ушул жерден сатып алышат. Ал тургай айнектер дагы бузулбаган бойдон жыйылуу. Назира ичинен: "Мунун баары канча акча болот болду экен", - деп ойлонуп койду. Ал келгенине эки жылдай болуп баратса да ага көңүл бурчу эмес, Элмирбектин канча акча кармаганын сурап кызыгып көрбөгөн. Анткени баары бир ал эч жакка алып барбасын жакшы билет. Ошондуктан эч нерсе сурабайт дагы билгиси келбейт, колдорунда жок болуп жашаганы менен бала күнүнөн бирөөнүн жакшы буюмуна суктанып көрбөгөн. Экөө сүйлөшүп ээндей калганда колясканы коюп коюп, кучакташып-өбүшүп турганда эшик шыпырып, короосун тазалап жүрчү киши аларды карап күлүп туруп калды. Аны көргөн Сулуукан:

- Ой, эсиң ооп эмне турасың? - деди үйдөн чыгып келип.

- Жөн, жөн эле… - деп киши ары басып кетти. Сулуукан аны бир карап күбүрөнүп алды:

- Бекер отурганды жакшы көрөт, муну кой дегеле, акымды бере кал десе укмуш, - деп келе жатып уул-келининин кучакташып, өбүшүп турганын көрүп делдейип туруп калды. Келини бир аз кыскараак болгондуктан уулунун мойнуна эки колун ороп, бутунун учу менен көтөрүлүп турганын көрүп: - Аа-а, айланайын жашчылык ай, - деди да, ары көздөй басып кетти. Качан гана балдары бири-бирин чапкылап ыйлаганда жубайлар эстерине келип, экөө экөөнү алып бери басышты, коляскасы ошол жерде калды, аны берки жумушчулар алып келип койот эмеспи.

- Нази, бактылуусуңбу? - деди Элмирбек келинчегине кылчая.

- Абдан бактылуумун, айтып жеткире албайм.

- Жаным, мен дагы абдан бактылуумун, сени бир көргөндө эле менин сүйүктүү жарым болооруңа ишенгем.

- Көзүң ачыкпы? - Жылмая карады, келиндин көздөрүндө күйөөсүнө ыраазы болуу менен бирге махабат ышкысы, эңсөө кумары толуп турган эле.

- Сенин турпатың негедир мага ишеним пайда кылган.

Алар бактылуу ээрчише басып келе жатканда үй кызматчы аял тамакка чакырып калды. Чогуу чоң үстөлдө тамактанып отурушту, балдарды бала баккан кыз өз бөлмөсүндө карап жаткан. Сулуукан чалын көздөй жүзүн бура маанилүү сөз баштады:

- Чал, мени Тамара бир ай-бир ай жүрүп кет деп эле жатат, Назини да ала барып шаар аралап жүрүп келсек кантет?

- Келинди ала кетейин дейсиңби?

- Ооба, балдар менен алпурушуп зеригип деле кетти окшойт, мен шаар көргөзүп келейин, Тамара дагы чакыра элек.

- Анан чакырбаса алпарганың болобу? - Бектемир кемпирине ормойо карады. - Телпон чалдыңбы?

- Сени менен кеңешип анан чалам да, ботом.

- Анда Элмир кошо барсын, бир козу союп берейин, куру барганыңар болбойт, - деди ойлонуп.

- Мына, чалым ушундай бир кеменгер киши да, Нази, даярдана бергиле, балам, буйруса эртең жолго чыгалы, - деп Сулуукан келинин карады.

- Макул, апа.

- Айла-анайын десе, келиним экөөбүз тиги жаман күчүктөрдү алып алалы да, шаардын жакшы жерлерин көрүп келели, - деп күлүңдөп карап койду. Элмирбек атасынын айтканына кубанып калды. Жайдын толуп турган убагы. Тамара Бектемирдин жалгыз кызы, үч уул, бир кызы бар. Күйөөсүн агалары бизнеске аралаштырып койгон, жакшы турушат, шаардын четиндеги айылдын биринде эки кабат үйү бар, эки уулу чоңоюп калган. Сулуукан Элмирбекке карады эле:

- Апа, эжеме чалып көрөйүнбү? - деди.

- Ийи, чалчы, садага, анан мага берип кой, өзүм сүйлөшөм.

- Макул. - Элмирбек эжесинин номурун терип, кулагына такап туруп: - Кандайсыз, эже? - деди көптө барып. Ары жактан Тамаранын үнү угулду. - Апам сиз менен сүйлөшөм дейт.

- Берип кой, - деди Тамара.

- Ай, Тамаш, кандай, кызым, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, өзүңөр кандай, апа, атам жакшы жүрөбү?

- Кудайга шүгүр, Айтемирдин денсоолугу жакшы жүрөбү, Чынтемир чоңоюп жатабы?

- Баары жакшы, апа.

- Кемелбек иштеп жатабы?

- Ооба, иштеп жатат.

- Тамаш, эртең биз барабыз, кызым, үйдө элесиңби?

- Ооба, биз дегениң ким?

- Нази, Элмир болуп барабыз.

- Жөн-жай элеби?

- Өзүң келип жүрүп кет деп каласың го, жалгыз барбай келиним экөөбүз баралы деп жатам, Элмир бизди жеткирет да.

- Макул, келе бергиле, кайсы маалда чыгасыңар?

- Эрте эле чыгабыз, буйруса.

- Мейли, келе бергиле, апа, кичинекейлер чоңоюп жатабы?

- Кудайга шүгүр, талпынып калышты, каргадай болгон балакетиңди алайындарым десе, - Сулуукан өзүнчө рахаттана күлүп алды. - Ай, Тамаш, жанагы сүйрөгүчүн алып алалы ээ?

- Ооба, апа, - деп Тамаранын дагы күлүп жатканы угулду. - Колясканыбы, апа?

- Ооба, тилим келбесе айтам да, - деп ыкшый күлдү Сулуукан. - Кээде анысын машийне деп да койом.

- Алып келе бергиле, мен күтөм.

- Ме-ейли, садага, эртең жетип калабыз, кудай жол берсе, - деп телефонду Элмирге берди. Бектемир менен Элмирбек эшикке чыгып кетти. Дээринен боорукер, ак көңүл Сулуукан Назирага карады. - Нази, кудагыйды ала кетсек кантет, биз менен барып шаардан кино-оюн көрүп эс алып келсин, Тамара көлгө жанагы эмне эле…

- Путевкабы?

- Ийи, ошону алып берсе, көлгө чейин барып келели, - деди кудуңдай.

- Апам анчалык көп жүрө албайт го?

- Чал Шуруга, азыр сүйлөшөлү, барса камынгыдай болсун.

- Азыр, - деп Назира өз телефонун тере баштады. Шуруга жакында эле бир телефон алып беришкен. - Апа, үйдөсүзбү? - дегенде Шурунун үнү угулду:

- Ооба, үйдө элемин, эмне болду, кызым?

- Апам менен сүйлөшсөңүз, - деп Назира телефонду кайненесине берди.

- Угуп жатам.

- Ало, кудагый, кандай, жакшы жатасыңарбы, кудам жүрөбү? Ай, кудагый, биз Нази экөөбүз Бишкекке кетип жатабыз, эс алып келгени, сени да алпарып ойнотуп келейин дедим эле, барасыңбы?

- Кудагый, мен барганда үйдөгүлөр эмне болот? - Шуру кыйыла айтты. - Тамак-аштан кыйналып калышат го?

- Кудагый, бу тирүүнүн гөр-тирлиги бүтмөкпү, чыгынсаң эле баарын жеңесиң, болбосо өмүр өтүп кете берет, андан ары көлгө дагы барсакпы деп жатабыз, көздү жумуп эле биз менен барып кел!

- Кеңешип көрөйүн ээ, кудагый.

- Макул, кечке чейин жообун айт, камынып турсаң эртең эрте Элмир барып алып келет.

- Ма-акул, кудагый, сиз менен Меккеге чейин болсо дагы барайын, - деди Шуру кубанганын билдире.

- Болуптур, анан Нази өзү чалат, - деп телефонду Назирага берди. - Байкуш кудагыйымды бир эс алдырып келейин, - деп желпилдей ордунан туруп камынганы чыкты. Шуру элеп-желеп боло кубанып Айнаш жеңесине жетти, ал үйүндө отурган экен.

- Кел, Шуру, - деди ал.

- Жеңе, мени кудагыйым шаарга, андан ары көлгө алпарып келейин деп чакырып жатат, шаарды эзели көрө элекмин, сиз үйгө баш-көз болуп турсаңыз барып келейин, - деди демиге.

- Капырай, демиңди басчы, чуркап келдиңби?

- Жо-ок, кубанып кеттим, жеңе, Назилер дагы барат экен, Ысык-Көлдү болсо өмүрү көрбөйм го деп ойлодум эле, бир барып келейин.

- Мейли, балдарды өзүм карайм, чоңоюп калышкан балдардан кам санабай эле кой, барсаң барып кел, күйөөңө айттыңбы? - деп Айнаш абысынына карады.

- Жок, ал үйдө жок болчу, келсе айтам да, сизге кеңешейин деп эле жүгүрдүм.

- Качан жөнөшөт экен?

- Эртең эрте Элмирбек келип алып кетмек.

- Бар, барып кел, багыңа келгенин көрүп, убагында чардап кал, ар кимде эле мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт, - деп Айнаш көлдү бир элестетип алды, аны шаардагы кыздары эки-үч жолу алып барып келген эле. - Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээги өзүнчө эле укмуш да, - деди анан.

- Ооба десең, жеңе, көрбөгөндү көрсөткөн Назимдин бактысы кемибей өмүрү узун болсо экен, - деп өткөн өмүрүнүн бир бүркүмүн эстей мелтирей түштү. "Ачкага тозок, токко бейиш" дегендей бар болсо телегейиң тегиз, көөнүң ток болуп өмүрдүн кызыгын ошондо гана сезет тура пендең. Кечээ жакында эле эскирген үйүнүн айланасы тосулбай, бастырмасына камыштан калап алып отурушпады беле, иштеген иши жок, ушу абысынынан, коңшуларынан аяктап ун сурап жеген күндөрүчү. Назира чоңоюп элге окшоп кийимдин жакшысын кием дебесе дагы энелик жүрөгү сыйрыла ичинен арман кылып, абысынынын кыздарынын кийимдерин кийгизип жүрчү үй-бүлө эле. Бүгүн байлыгына чиренбей, колунда жок бечара деп жээрибей кызын кош колдоп коюнуна катып, чалкалата машина мингизген адамдарга чын дилинен ыраазы.

- Чай ич, Шуру.

- Ичтим, жеңе, үйгө барып жуунуп алайын.

- Мейли, ошентсең ошент, жолго даярдана бер, балдарга тамак-ашты өзүм жасап берип, карап турам, сен кетем деп шашпай эле жай эс алып кел.

- Макул, алтыным жеңем, мага апамдай камкорсуз да, - деп Шуру кубана чыга жөнөдү.

Ошентип эртеси Шуру кудагыйы, кыз-күйөөсү болуп жолго чыгышты…

Шерматты уккандар күнү куру эмес убап-чубап келип жатты. Адегенде "билбейм", - деп тартынып жүрдү, бирок түшүндөгү ак сакал карыянын сөзүн эстеп, намазды каза кылбай окуп калган. Ал көп жыл мурун жоголгондорду түшүндө көрчү болду, ал эми кээсин сүрөтүн көрүп эле айтып койот. Эл деген эл да, малы жоголсо да, буюму жоготсо да келе берчү болду. Эң кыйыны Шерматты түшүндө көргөн окуялар кыйначу болгон. Кийинки күндөрү: "Жардам бергиле, тумчугуп баратам, жардам бергиле", - деген бир ичке үн угулуп эле, ушул түш кайталана берет. Же анын жүзүн көрө албайт, үнүн угуп кыйналып чыгат. Ал намаз окуп отурганда аны бир аксакал карыя күтүп калыптыр. Чыгып келип учурашкандан кийин:

- Уулум, мен сенин дайныңды угуп, тээ тиги Алайдан келдим, - деди олуттуу сүйлөп.

- Келген жөнүңүз…

- Менин аялым өлүп калган, эки кызым калган андан, улуу кызым кийинки апасы менен өч болуп туруп алды, ондо окуп жаткан. Эшикке күүгүм ченде чыгып кетип эле жок, андан бери сегиз жыл болду, балам, ошонун дайынын билип бер, - деди карыя.

- Сүрөтү барбы сизде?

- Ооба, ала келгемин.

- Анда сүрөттү таштап коюңуз, үч күндөн кийин жооп берейин, - деди Шермат.

- Болуптур, балам.

- Бул жерде таанышыңыз барбы?

- Жок, эптеп районго барып мейманканада күтөм да.

- Анда үйдө жүрө туруңуз, кайда барат элеңиз, - деп карыяны сыйлап үйүнө калтырып койду. Ал ошол түнү сүрөттү баш жагына коюп, келме келтирип жатты. Ал күнү баштагыдай эле жардам сураган кыздын үнүн угуп кыйналып чыкты. Таң азандан туруп даарат алып намазга жыгылат, беш маал намазын окуганча келген элдин арызын угат. Кечке маал коңшусу жетип келиптир:

- Шермат, айланайын, бир бээм жок, ууру алып кеттиби, көрүп бер.

- Бээңиздин өңү кандай эле?

- Кула бээ, эки жылдан бери кысыр калып жаткан жакында сатайын деп турдум эле…

- Кула бээ дедиңизби?

- Ой, сен деле тайында көргөнсүң аны.

- Аа-а, - Шермат көзүн жумуп теспесин жылдырып жатып минтти, - бээңизди союп коюптур.

- Ыя, эми эмне кылам, кайда, ким болду экен?

- Шашпаңыз, айылдын этегинде эски коргондуу там бар, тезинен ошого барыңыз, жалгыз барбаңыз, милиция менен тезинен жетиңиз, бир жакка кетип калат.

- Кудай жалгасын, балам, колума эти тийсе да мейли, жөнөйүн, келгенде өзүм ыраазы кылам.

- Кудай ыраазы болсун, аке, тез жөнөңүз, - деди Шермат. Ал чыгаары менен кезек күтүп турган аял кирди.

- Кагылайын балам, түндө байланып турган жалгыз уюм жок, ким алып кеткени белгисиз, балдарымды жалгыз уйдун сүтү менен бакчу элем, сүттүү уй болчу, - деди кирип эле ыйламсырай.

- Уюңуз эч кайда кеткен эмес, эне, бош байланып калса керек, кайда отточу эле, ошол жактан караңыздар.

- Ыраспы, балам, ырас эле жайытта бекен? - деп ал аял аң-таң боло кайра чыкты. Ошол убакта көзүнө туман түшкөндөй бозоруп барып, белинен ылдый кыймылдабай калган бала көрүндү. Кайра ошол баланын ыйык дарактын түбүндө бейшептеп турганын көрдү да, түш көргөндөй көзүн ачып жиберди. Түшкү намазын окуганы жөнөгөндө дарбазадан он төрт-он беш жаштардагы баланы бир жигит көтөрүп кирип келе жатканын көрүп, унчукпай даарат алууга кетти. Намазын окуп бүткөндөн кийин алар менен учурашты да:

- Бул бала ыйык жерге даарат ушатып койгон, ошого барып тайынгыла, - деди. - Каякка бардың эле, жигит? - Балага кайрылды.

- Кайдан билдик, ойноп жүрүп эле түндөсү чочуп чыкты, эртеси баспай калды, - деди атасы.

- Коркпогула, узарып кетпептир, жаңы эле болгон экен, ошол талдын түбүндө качандыр бир кезде адамдын өлүгү калган, ошондон кийин ыйык болуп калыптыр, үйүңөрдүн оң жак капталында тал өсөбү?

- Ооба, карт дарак бар.

- Кээде үйүңөрдө ызы-чуу үндөр болобу?

- Ооба-ооба. - Баланын атасы чоочулай карады.

- Коркпогула, дарактын түбүнө балдар жетпей турган кылып тосуп койгула, зыяны жок, кээде атайын куран окуй жүргүлө.

- Жарайт, сизге рахмат, эртең мал союп тайыганда өзүңүз куран окуп бербейсизби? - деди Шерматтан бир топко улуу болсо да сиз деп сүйлөп.

- Албетте баруум керек.

- Рахмат сизге, - деген киши баланы көтөрүп чыгып кетти. Шермат ойлонуп отуруп үйүндөгү карыяга көңүл таштады.

- Нестан.

- Оов.

- Аксакалга тамак-аш берип жатасыңбы, атамдар кайда кеткен?

- Алар тойго кетти.

- Аксакалдын кардын ачырба, эртең ал киши үйүнө кайгылуу жол тартат, - деди эле Нестан күйөөсүнүн заматта эле көзү ачык болуп кеткенине таңгала ары басты. Ошол күнү Шермат уктап, уктай электе эле көз алдына эки өрүм чачына кызыл тасма байланган жаш кыз бир үйдөн жүгүрүп чыкканы тартылды. Эки-үч үйдөн өткөндө үч-төрт жаш балдар кызды кармап сүйрөп жөнөдү. Ал бакырып жардам сураганда балдардын бири оозун басып калганы сүйрөп кетти. Ары жагы адырлуу айылдын этегине алып барышты да, өздөрү билип кордошту, анан кызды таш менен башка бир уруп, жарга узунан таштап салышты. Бири күрөк-кетмен алып келип, жарды чукуп кирди, кызды эч ким билбегидей кылып көмүп коюп, төрт бала төрт жакка кетти. Ушунун баары көз алдынан тасмадай өтүп бүткөндө: "Жардам бергиле, тумчугуп баратам", - деген үнгө аралаш ошол жардын түбүндө отурган кызды көрдү. Кыз үйүнө келип, короодон кирип үй ичин аралап эле жүрөт, бирок аны эч кимиси көрбөдү. Чочуп көзүн ачты, "Демек өлтүрүлгөн экен", - деп ойлоп оодарыла жатып калды. Эрте туруп намаз окугандан кийин чай ичип отурганда:

- Аксакал, сиздин үйүңүз тоолордун этегиндеби? - деди.

- Ооба, адырлар бар, тоо түбүндөгү айылданбыз, балам.

- Ошол адырлардын үйүңөргө жакын тарабында бийик жар барбы?

- Ооба. - Карыя Шерматты элейе карады.

- Мени кечиресиз, аксакал, кызыңыз үйдөн чыкканда ээн баш балдарга кабылып калган, алар кызыңызды ошол эле күнү өлтүрүп жарга көмүп кеткен. Балдарды көрө албадым, алар бул жакта жок окшойт, эгерде башка жакта болсо көрө албайм.

- Ошондойбу? - Карыя башка эч нерсе дей албады, чай ичилгенден кийин бата кылаар алдында: - Балам, рахмат, ишиң ийгиликтүү боло берсин, өмүрү көрбөгөн жерди сүрөттөп каерде жатканын айтып бердиң, бул бир чоң касиет. Кызымды эптеп табайын, өлүү-тирүүсүн билбей калган жаман экен, - деп бата кылып ордунан турду. Шерматтын ата-энесине: - Ушундай балалуу болгон бактылуу киши экенсиңер, мен эки кыздуу элем, бирин эми барып өз жайына берем, аман болгула, - деди да, жөнөдү. Шермат аны узата чыгып:

- Кайраттуу болуңуз, ар бир пенде жараткандын буйругу менен ар кандай жазасын алат экен, бир айдан бери кызыңдын жардам сураганын угуп, бирок даана көрө албай жүрдүм эле, жакшы барыңыз, - деп узатып койду.

- Өркөнүң өссүн, уулум, - деген карыя жөнөп кетти. Аңгыча Шерматты чакырып бир бала келип калды, унаага түшүп барса баягы жаш баланын ата-энеси экен. Дүпүйгөн карт даракты карап көпкө турду. Бир кезде жаш чынар пайда болуп, түбүндө ары өткөн-бери өткөндөр түнөгөнүн көрдү. Анан арып-ачкан орто жаштардагы адам араң эле бутун сүйрөп келип, чынардын түбүнө жатып калды, ээрди кеберсип жарылып кеткен. Бир убакта ошол адам ага сүйлөдү. "Ушул даракка сыйынгандар баласы жок болсо балалуу болот, багы ачылбаганы бактылуу болот, түнөсө тилеген тилеги ишке ашат, тебеленди болбосун, бул мазар", - деп айтканын укту. Бул көз ирмемде болуп өткөн окуяны купуя сактап, дарактын түбүнө отура калып, узакка куран окуду. Бул дүйнөдөн өтүп кеткен шейиттерди, жазыксыз өткөн адамдарды, Жаныш-Байыш, Асан-Үсөн эгиздерди, Манас атаны баш кылып айтып келип бата кылды. Андан кийин басалбай калган Элмырзаны алдыга коюп, колуна ак чүпүрөк берип, талга байлатты. Ата-энеси чөгөлөй отуруп жүгүнүп, тилек тилеп сыйынышты. Эл чакырып этти тартып, бата алышты. Шермат куран окуду. Келгендердин ар бири талга чүпүрөк байлап сыйынышты. Ошентип кечке маал үйүнө кайтты. Негедир тал түбүнөн көргөн адамдын элеси көз алдынан кетпей туруп алды. Элмырзанын ата-энеси баштыкка толтура эт-боорсок менен кант-чай салып, беш жүз сом берди эле:

- Тамакты танууга болбойт алайын, бул акчаны ала албайм, - деп жөнөй берди.

- Сизге ыраазыбыз, - деди ата-эне ыраазылык билдирип. Шермат үйүнө келгенде кеч кирип кеткен эле. Кирээри менен эле атасы ага:

- Ээ балам, кайдагы бир жүктү артынып алдың? - деди.

- Ата, айт дегенди кантип айтпай койом?

- Ат-тиң, - деп алды Өмүраалы, - менин чоң атам сага берген экен, балдарынын бири албай калды деп айтчу эле апам, бул касиет менин чоң атамда бар болчу…

- Эчтеке эмес, ишаарат берген соң аткаруу парз, - деди Шермат токтолгон адамдай салабаттуу. Жашы жыйырма экиде, беш убак намазды калтырбай окуган такыба болду. Үйүнөн киши үзүлбөйт, кээси айтканы аткарылганын айтып ыраазылыгын билдирсе, кээси жогун тапканга жардам сурап келет, кээси оорусуна даба издеп келет. Айтор Өмүраалынын бир бөлмөсү кийинчерээк киши көрө турган жай болуп калды. Бир күнү Шермат түшкү намазга чыгып баратса дарбазадан Назира кирип келе жатыптыр, ыйлагандай көздөрү шишимик тартып калган.

- Кел, Назира, кандай жумуш? - деп токтой калды.

- Шермат, үч күндөн бери Элмир жок!

- Отура тур, мен намаз окуп алайын, - деп аны үйгө киргизди да, намаз окуганы кирип кетти. Назира кирип баратканда Нестан чыга калды.

- Кел, Назира.

- Келдим.

- Кир үйгө, - деп жол бошото берди. - Кандай, балдарың чоңоюп калыштыбы?

- Чоңоюп калды.

- Өзүңдүн балаң чоңойдубу?

- Ооба. Отур.

- Отурбай эле турайынчы, - деп кыжаалат болгон келин нан ооз тийип эле кайра сыртка чыкты. Анын кийген кийимин, колдорундагы шакектери менен кулагына таккан сөйкөлөрүн көрүп Нестан ичи тарый түштү. Аңгыча намазын окуп бүтүп келген Шермат Назиранын жанына отурду:

- Назира, мен келээриңерди билгем, - деди ал жай сүйлөп. - Аны кайнагаңдын өчөшкөндөрү алып кеткен, эч кам санаба, көп акча талап кылат. Эгерде милицияны аралаштырсаңар аны бошото албайсыңар, кайнагаң өзү берчүсүн берип жакшылап сүйлөшсүн, ошондо аман-соо келет, - деди ойлуу.

- Аман-эсен келсе эле болду, элден уктум, Шермат, рахмат сага, кудай буйруп Элмирбек аман-эсен келсе сөзсүз келип кетем, - деп Назира ордунан турду. - Макул анда.

- Жакшы бар, талап кылган акчаны эч кимди аралаштырбай берсин, бирок алардын артында белдүү адамдар турат, кайнагаң өзү да этият болсун, - деди Шермат.

- Макул, айтып барам.

- Жакшы бар, - деп дарбазадан чыгарып коюп, үйүнө кирди.

Ошондон жети күн өткөндө Элмырзанын ата-энеси келип калды, жетелеген кою бар. Шермат аларды жакшы кабыл алды:

- Келиңиздер.

- Келдик, айтканың ката кетпеди, иним, уулум кадимкидей болуп басып кетти, ак батаңды бер, иним.

- Батамды эл алдында бергем, байке, үйгө кириңиздер.

- Ушу жерден эле кетели.

- Кой, айланайын, даам ооз тийип кеткиле, баламды кудай элдин керегине жарасын деп өзү эм берип койгон экен, элдин батасы тийсин, айланайын.

- Ооба-ооба, Шермат биринчиден кудай сүйгөн, экинчиден эл сүйгөн бала болду, мына коркуп доктурга барганы турганыбызда угуп келип ыраазы болуп отурабыз, - деди Элмырзанын атасы Талант.

- Эл сүйгөн адам болсун, айланайын. - Нестан дасторкон жайып, чай алып келди. Анан алар кеткенден кийин бешим намазын окуп, эми эшикке чыкканда дарбазанын жанына машина токтоду. Шермат унчукпай ажатканага кетип, кайра келсе эшиктин алдында бир зыңкыя кийинген галстукчан адам туруптур.

- Ассало-ому алейкум! - Кол алыша кетти.

- Аллеки салам, келиңиздер!

- Келип калдык, Шермат деген ушул үйдө жашайбы?

- Угуп жатам.

- Мен бир оорулууну алып келдим эле.

- Көрөйүн.

- Алып кирелиби?

- Ооба, - деп үйгө кирип кетти. Нестан аларды Шермат отурган бөлмөгө ээрчитип кирди. Улгайган, аппак чач, салабаттуу адамды жөлөп-таяп киришти. Аны көргөндө эле Шермат кабагын бүркөй: - Отуруңуздар, - деди.

- Саламатсыңбы, балам? - деди оорулуу адам. Бул Адыл Саматович эле…

- Саламатчылык, агай, - деген Шермат бир аз көзүн жумуп отуруп: - Сиздин бул кишилерден жашыра турганыңыз жокпу? - деп сурады.

- Жок-жок, бул уулум, а бул… - дегенде шопуру:

- Мен чыга турайын, - деп сыртка чыгып кетти.

- Сиздин күнөөлөрүңүз көп, жакында бир небереңизге залакасы тийиши мүмкүн, адамдарды өзүңүз сыяктуу пенде, тиги, бул дүйнөдө бирдей укукта экенин кызматыңызга чиренип баалай албай калгансыз, ооруганыңызга көп болуп калган. - Ал адамды тикирейе карап калды эле киши көзүн ала качты. "Далайды титиреткен жаным ушул карапайым жигитке туруштук бере албадым го", - деп дагы эле бийлигинин күчүндөгүдөй дирт этип алды.

- Эми-и, бийликте көп жылдар отурдум, балам, болсо болгондур, байкабай калат экен да адам…

- Сиз жакшы заманда өз шопуруңузду өлтүргөнсүз, ошол бутуңузга жармашып бууп турат.

- Ыя?! - деп солк этип кетти. - Мен…

- Тирүүдөн танып кутуласыз, алланын алдында өзүңүз жооп бересиз, - дегенде баласы ачууланып кеткендей болду.

- Өткөндү кой, оорусун айыктыр кыйын болсоң!

- Баары өткөндөн башталат, тууган, - деди Шермат жай гана. - Андан кийин үч аялды алдагансыз, аялыңыз туруп үчөөнү алам дегенсиз, бири сиздин балаңызды көтөрүп жүргөндө аны ичиндеги баласы менен өлтүргөнсүз. Күнөөсүз адамдардын каны мойнуңузда! - дегенде Адыл жаагын таяна башын ийкегенден башка эчтеке дей албады. Баласы калганын уккусу келбей сыртка чыгып кетти.

- Балам, менин күнөөм көп, туура айттың, өзүм дагы билем, сен мени жаман абалда калтырдың, эми эмне кылышым керек, ошону айтчы? - деди Адыл акырын чарчагандай.

- Сиз жакшы болуп кетесиз, бей-бечараларга жардам бериңиз, жетимиш адамды чакырып бээ сойуңуз, эркек мал болбосун. Ошондон кийин гана өзүңүз бир белги көрөсүз, андан кийин өзүңүздө…

- Рахмат, балам, кызматыма байланыштуу көп көзү ачыкка, билгичке кайрылдым эле, бирок сенин отуз-кырк жыл мурункуну көзгө сайгандай айтканың жакты, аман бол! - деп өйдө болмок болуп тура албай калды.

- Нестан, бу кишини алып келгендерди чакырып койчу.

- Макул. - Нестан чыгып чакырып келди. Адыл чөнтөгүнөн акча алып сунду эле Шермат албай койду. Адыл отурган жериндеги төшөгүнө кыстарып коюп, баласынын жардамы менен туруп кетти. Шермат көпкө ойлонду. Көз алдынан Адыл өлтүргөн шопур кетпей кайрадан тартыла баштады. Зуулдата айдап келе жатып эле бир үйгө кайрылды, ал үйдөн жанараак Адыл менен көргөн келин чыгып, экөө кучакташып калды. Шермат ушуларды көргөн соң көзүн ачып жиберди. "Аялдын айынан өлгөн экен бечара", - деп кайрадан көзүн жумду. Ашыктар түнү бою бирге болуп, эртең менен шефи чакыра электе жөнөдү. Кечке шефти ары-бери ташып жүрүп, кечинде кайра баягы үйгө келип, аял менен жатканда эшик чырылдап калды. Шопур алдастай ваннага кире качты, аял эшикти ачканда жинденген Адыл кирип келди. Экөө урушуп жатканда шопур ваннадан чыгып качып кетүүгө аракет кылды. Бирок Адыл аны көрө калып, эки аттап жетти да, колундагы көйнөк менен муунта баштады. Шопур шалдайып жатып калды, андан кийин Адыл коркуп бүжүрөп турган келинди да муунтуп өлтүрдү. Колундагы мээлейди чечип чөнтөгүнө сала экөөнү аттап чыгып кетти. "Өх", - деп алды Шермат, көзүн ирмегилеп аркы-терки басты…

Элмирбекти караңгы бөлмөгө камап, колу-бутун бууп, отургучка таңып отургузуп коюшкан. Маңдайына келген эңгезердей киши оозундагы скочту алды да:

- Сен үчүн кайрылып келеби Кадырбек Бектемирович, кана телефон чалчы! - деп телефонун ачып номурун тапты, анан кулагына такады.

- Силердин чатагыңарга менин тиешем жок!

- Агаңдын өлгөнү сага баары бирби?

- Өлтүрө албайсыңар.

- Көз ачып-жумганча.

- Мени койо бергиле, өзүңөр чечишкиле.

- Жок-жо-ок, Бектемирович, сен эч жакка кетпейсиң, мына агаң менен сүйлөш, - деди. Элмирбек агасынын үнүн угуп:

- Ало, байке, мени кармап жатышат, өзүңүз сүйлөшүңүзчү, - деди эле телефондогу үн:

- Элмирбек, эч кам санаба, мен сени өзүм куткарам, сенин чекеңе да черте албайт, - деди ачуулана. - Бер өзүнө сүйлөшөмүн азыр.

- Өзүңүз алыңыз, менин колум байлануу, - дегенде телефон өчүп тигинин, эңгезердей кишинин чөнтөк телефону чырылдады.

- Ало, аа-а кандай, Кадырбек, унутпаган экенсиң! - деди ал кытмыр күлүп. - Биздин жолдор эч качан айрылбашы керек дегеним эсиңдеби? - Каткыра ары басты. - Демек үч күндүн ичинде миллион долларды өзүң билген банкка которосуң, анан иниңди койо берем! - дегенде Кадырбек:

- Айтканыңдай болот, бирок банк аркылуу эмес өзүм алып барам, тигилериңе айт, мен барганда эч кандай ызы-чуу болбосун, - деди.

- Сөз берем, эгерде бир шек билинсе же козелдордон бирөөнү байкасам тукум курут кылам!

- Эч кандай андай болбойт.

- Анда сүйлөштүк.

- Инимдин бир жерине зыян келтирбейсиң.

- Жарайт, бүгүн жакшылап коноктойм.

- Бөрү!

- Кам санаба. - Бөрү каткыра Элмирбекти карады. - Бир тууганың сени жакшы көрөт экен.

- Колумду чеч, ооруп кетти.

- Шашпа-а, Кадырбек менин досум, сени коноктойм, - деп кайра жанына келип, дагы телефон чалды. - Ало, баары жайында, менин колумда баа жеткис "андатр" турат. Ал үчүн балким өз өмүрүн курмандыкка чалаар, ха-ха! Ал өзү ушуну каалап алды, демек жеңиш бизде! - деп бакылдай чыгып кетти. Бир аздан кийин эшик ачылып, бирөө тамак алып кирди. Элмирдин колун чечип, үстөлдү алдына жылдырып коюп кетип калды. Элмирбектин жүрөгүнө эчтеке баспады, бир аз шам-шум этти да, түртүп коюп: "Эмнеге байкемдин булар менен катышы бар болду экен, балким ал дагы ушулар менен иштеп жүрүп байыгандыр? Анда баарыбызды өлтүрөт экен да, балдарым менен Назини эптеп качырып ийсем болот эле. Мындай жол менен байыганын билсем эч качан бир тууганым дебес элем. Атам укса эмне дээр экен, апамдар айылга кетти бекен?" - деп ойлонуп отуруп отурган жеринде уктап кетти. Көзүн ачканда маңдайында Бөрү туруптур.

- Кандай, мырза, зерикпедиңби? - деди тикирейе тиктеп, анын көздөрүндө жалаң гана канга толгон кек кайнап турганын көргөн Элмирбектин жүрөгү ток ургандай зыр дей түштү. "Бул адамдын көзүнөн эле өлөт го киши, же адамдар ушундай да болуп төрөлөбү, же өтө кордук көрүп чоңойгонбу? Жашоого нааразы болуп өскөн неме же жетим болсо керек, жөнөкөй адам мындай болбойт", - деп ойлонуп унчукпады. - Эртең сүйүктүү байкең келсе үйүңө барасың.

- Мени баладай алдабаңыз.

- Ырас айтам, же-е адамдарга ишенимиң жоголгонбу?

- Мен силердей адамдарга ишенбейм!

- Байкеңечи? - Ылжыя жүзүн тырыштырып карады.

- Ага дагы ишенбейм, - деп Элмирбек жүзүн буруп кетти. Бөрү унчукпай чыгып кетти. "Бул баалуу андатр турганда каалаган сумма колума тийет, андан кийин Кадырбекти күм-жам кылам", - деп өзүнчө алаканын ушалап алды…

Эртеси Кадырбек эч куралы жок, өзү жалгыз келди. Бөрү аны жакшы тосуп алды, экөө бири-бири менен бөлөк бөлмөдө сүйлөштү. Алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн эч ким билген да, уккан да жок. Анан Кадырбек Элмирбекти ээрчитип жайма-жай чыгып кетти. Булар бири-бирин кыя албаган достор эле, жүрүп-жүрүп кылмыш дүйнөсүндөгү бир гана иш экөөнү кастыкка түрткөн. Кадырбек инисин үйүнө жөнөтүп ийди да, өзү шаардын четиндеги жашыруун бир бөлмө үйүнө келди. Аерден Бөрүнүн айланасындагы ага тиш кайрап жүргөн эки адам менен кездешмек, жашыруун жолугушуп, түндөп кетип калышты. Ошондон он чакты күн өтпөй Кадырбек Бөрүнүн өзүн өлтүрүп, анын ордун ээлегени кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдү сестентти. Кадырбек дагы "авторитеттердин" бири болчу, ал кылмыш дүйнөсүнөн кетип, үй-бүлөсү менен тынч өмүр сүргүсү келген. Бирок кылмыш деген кылмыш да, бир кирген адамды өмүрүнүн аягына чейин чыга албас кылып кармап калмай сыры бар. Кадырбек аялы менен эки баласын айылга жеткирип коюп, өзү жашырынып изин суутуп, биротоло ата-энесинин жүзүнөн далдоолоп кетмек болду. Болбосо бүт укум-тукумуна зыян келтирип алуусу мүмкүн эле…

Элмирбек каш карайганда үйүнө келди. Анын келишине эчки союп түлөө беришти. Элге түлөө таратып жаткан кезде Элмирбектин телефону чырылдаганынан караса Кадырбек экен.

- Ало, байке, кайдасыз? - деди ал үйдү айлана басып.

- Элмирбек, мени күтпөгүлө, жеңеңе Азимбек экөөңөр көз болгула, мен эми силердин көзүңөргө көрүнбөйм, өлсөм дагы сөөгүм белгисиз бойдон калууга тийиш. Анткени мен өз жолумдан тайдым, атамдарга айтпагыла, сырттан көз салып турам, банк аркылуу акча жөнөтөм. Бирок мени жоголду деп издебегиле, кош, иним, аман болгула! - деп дароо өчүрүп койду.

- Ало, ало, байке, ало! - деген бойдон Элмирбек дендароо болуп кала берди.

- Ал ким? - деген апасынын үнү угулду артынан.

- Кадырбек байкем.

- Эмне дейт, келем дейби? - деп эне үрпөңдөй сурады.

- Алыста экен, азыр келе албайт го? - Элмирбек тайсалдай үйгө кирип кетти. Эне жүрөгү сезгич келет эмеспи, түндө көргөн түшүн эстеп, тынчы кетип турган. Түшүндө Кадырбек жөргөмүштүн желесиндей торго арчындалып буту жерге тийбей, башы шыпка жетпей туруптур, кадимки желеге жармашып калган көпөлөк сымал көрүндү. "Кадырбек, балам, эмне болуп алгансың?" - дейт Сулуукан уулуна. "Апа, көрүп турбайсыңбы, мен чыгалбай калдым", - дейт камаарабай. Ойгонуп кетип түшүн жакшылыкка жоруп кайра жаткан, ошол бойдон көзү илинбеди. Элмирбек эч нерсе айтпады. Назира өздөрүнчө боло калганда:

- Жети күн бою кайда жүрдүң? - деп сурады.

- Классташтар жолугуп калды.

- Айтып койбойт белең, телефонуңду өчүрүп коюп жүрө бербей, - деп таарыныч кылды.

- Эми достор эле да, силерди ойлонот десем болбой койду, - деп алып, телефону калып калганын эстеди. - Аа-а баса, телефонум жоголуп кеткен, - деди тайсалдай.

- Оой, калпычы десе, сен шаарга баралбай эле жүргөнсүң го, - деди Назира бултуңдай.

- Нази, таарына бербечи эми, мен балдарымды аябай сагындым, - деп катар жаткан балдарын өөп алды Элмирбек.

- Меничи? - деп Назира шыбырады.

- Албетте, биринчи сени, анан балдарымды, - деп келинчегин имере кучагына кысып өпкүлөп кирди. Сагынышкан жубайлар төшөктө сүйлөшүп да, кумарга батып да жатты. Назира ойлонуп калды: "Жети күн бою достору менен жүрө бермек эмес, бул бир нерсени жашырып жатат, агасы талап кылынган акчаны төлөп куткарып алган го".

- Элмир, талап кылган акчаны акем өзү берип куткардыбы?

- Кайдагы акча, кимге берет?

- Мен билем, канча экенин билбейм, бирок сени кайра сатып алды окшойт, - деди акырын төшүнө башын койо бекем кучактап алып. - Сен менден сыр жашыра баштадыңбы?

- Нази, сенден эмнени жашырмак элем?

- Билбейм, айтор бир сырды жашырып жатасың.

- Эч качан сыр жашырбайм, - деп Элмирбек жанталаша өпкүлөдү. - Сен менин жанымдын жартысысың, бир бөлүгүмсүң, Нази, - деп шыбырай кулак түбүнөн тиштегилей шыбырап, күшүлдөп-бышылдап жатты. Деги эле илгеркилер айткандай эзели жибибеген эркек төшөк үстүндө гана жибийт деген чын окшойт. - Иши кылса өлбөй маңдайыңда турганыма кубан, - деген сөз чыгып кетти оозунан.

- Билгем, акеме телефон менен айтканбыз, милиция менен барба деп, ал эчтеке билбейм, акча сураган деле эч ким жок, мен өзүм табам деген.

- Силер кайдан билдиңер анан?

- Бир көзү ачык айткан.

- Чын элеби?

- Ооба, сени акемдин душманынын колунда деген.

- Оп-па, ошончолук чындыгын билет бекен, ыя?

- Ооба.

- Кызык, - деп Элмирбек таңгала жатып калды. Агасынын Бөрү менен керсейе кездешкени көз алдына келди. "Үй-бүлөңдү тукум курут кылам", - деп телефондон айтканы кулагына жаңырды. Кадырбектин аялы Замира эки баласы менен дароо эле үй сатып алып, кайра шаарга кетип калды. Москвада жүрүп өзүнүн топтогону бар эле, күйөөсүнүн түнкүсүн белгисиз бирөөлөр менен сүйлөшкөнүн билгенден кийин өзү ичтен корко баштаган. Келининин көпкө турбай эле шаарга кетип калганы Бектемир менен Сулууканга жакпады, бирок баласынын телефону өчүп калганы аларды санаага салды. Замирбек Кадырбектен коркуп жүрдү, "Аны өлтүрүп койсо эмне болот, неге мындай ишке кирип алды, мурунтан билсем эмне, жанына жоломок эмесмин, балдарыма зыян болбосо болду", - деп сары санаа болуп иштеп жүрө берди…

Шермат такыба адам болуп, далай элдин керегине жарады. Анын атын уккандар алыстан келип, алкыш айтып кетишет. Баласынын бул жолго түшкөнүнө кайдыгер карай албай Өмүраалы карыганда намаз үйрөнүп, беш убак намазга жыгыла баштады. Нестан андан кийин экини төрөдү, үчүнчүсү кыз. Айтолкун белим деп намаз окуй албады. Нестан келген элге бир чыныдан чай берип куру кетирбейт. Бара турган жери жок алыстан келгендерге бир бөлмөнү дайындап коюшкан, таза бөлмөдө аппак шейшеп салынган таза төшөнчүдө эс алышат. Шермат көп адамдарды баягы карт даракка алып барып түнөтүп, мал союп куран окутуп сыйынтат. Балалуу боло албаган түгөйлөр жыл маалында келип, ыраазылык билдирип турушат. Дарактын жанына бир бөлмө үй салдырып, эл колунан келген идиш-аяктарын, казан-туулгасын алпарып койгон. Талант эки жагын тазалап, куран окуп турат, өз оюнда ыйык экенине катуу ишенип алган. Шермат Ормонбектин түрмөгө кеткенден кийин балдары кетип калганын билчү, бирок эң кичүүсү Айбек бир балалуу болуп, Гүлнара дайынсыз кетип калгандан кийин өзүнүн үйүндө жашап жатканын билчү. Бир күнү акырын басып барды. Анткени эски үйүн бузуп жаңы үй салып жатканын билген. Субанбек менен Съездбек келип, инисине жардам берип, эски үйдү бузуп жаткан:

- Асалоому алейкум! - деди ал шымалана иштеп жаткан балдарга салам айтып.

- Аллеки салам, - деп үчөө учурашып калышты, анткени үчөө тең улуу да.

- Үй салып жатасыздарбы?

- Ооба, үй эскирди, эми жаңы там салабыз.

- Жакшы-ы, - деп Шермат үч кишини алмак-салмак карап туруп, тамагын жасап алды. - Апаңыздар үйдүн ордуна жөн койгула, мына бул жерге үй салгыла, майып жаткан жерге алма тигип койгула тебеленбесин дейт.

- Ордуна салсак болбойбу? - деди Айбек.

- Болбойт, апаңыздардын сөөгү жыйырма жыл жаткан жерди кантип тебелейсиздер?

- Ошону ойлобогонубузду кара, иним туура айтат, - деди кырктан өтүп калган Субанбек эки инисин карай. - Мына бул жерден алынган ээ?

- Үстү топурак менен басылып калыптыр, мына бул жерде жаткан, - деп Шармат көрсөтүп берди. - Алманын мөмөсү жакшы болот, түбүнө бала-чаканы көп жолотпоңуздар, таза турсун.

- Рахмат, иним, биз бузуп кайра эле ордуна салалы деп жатканбыз, - деди Съездбеги, ал кыркка келип, кадыресе чоң киши болгон. Шаарда иштеп жүрүшүп, инисине жардам берип, мал-сал курап беришкен. Экөөнүн тең үчтөн баласы бар, жетим өз киндигин өзү кесет дегендей өздөрүнө ылайык аял алып жашап калышкан. Айбекти Ормонбек менен Гүлнара үйлөнткөн, кайын журту жакын, эртели-кеч каттап турушат.

- Эчтеке эмес, абалар, бир нерсени айтайын дегемин.

- Айта бер, иним, биз сен жөнүндө укканбыз, алдыңа барып ыраазычылыгыбызды билдирмек элек, бирок шарт келбей, - деп Субанбек актана кетти.

- Антүүнүн кажети жок, мен айткандай жасасаңыздар үйүңүздөргө толгон киреше кирет, бирок арам иштен алыс болуңуздар, мен кетейин, - деди бурула.

- Шермат, чай-пай ичип кетсең болот эле, үйгө кир.

- Нан ооз тийейин, - деди да, Айбектин аялы алып чыккан нандын четинен ооз тийип, жолуна түштү. Субанбек менен Съездбек бири-бирин карап туруп калды. Саамга тургандан кийин Субанбек:

- Бул билип, анан келген экен, апамдын сөөгү каерде жатканын ушу Шермат көрсөтүп берген, дагы айтып берчүсү бар окшойт, - деди ойлуу.

- Укмуш, а биз келип калдыбы деп тагамдыкынан сурап, шаардан издеп убара болгонубузчу.

- Мен келип калабы деп эле күтө берчүмүн, - деди Айбек. - Атамды түрмөдөн чыкса, үйгө алып келебизби?

- Кереги жок, өзү ошол тагдырды тандап алды, биздин кандай гана болгонубуз эсиңден чыгып кеттиби, өзүбүз балалуу болдук, ушуларды кайдагы бир аялга алмаштырабызбы? - деп Субанбек эки инисине кайрылды.

- Азгырылган да, шайтанга алданып калган экен, болбосо атам деле жакшы адам эле… - Съездбек башын жерге сала сүйлөдү.

- Ошондо да аялын өлтүргөнү адамчылыкпы, ага байкуш апам эмне кылды? Бала экенбиз да, ойноп кетпей үйдө болсок дагы бир шегин билмекпиз. Ушуга чейин неге сабактан келип ойноп кетип калдым деп өкүнүп башымды катырам, - деп Субанбек ачуулана сүйлөп жатты.

- Мен үйдө болчумун, - деди Айбек. Аны берки экөө карап калды. - Окууга барбай койсом болмок, менин көзүмчө тиймек эмес да, алар урушуп жатканда кетип калгам.

- Ким билиптир анын өлтүрүп, анан да эч ким ойлобостой көмүп салаарын.

- Эми а деп, бу дегенде эмне, өткөн иш эмеспи, атабыз кылган ишти кайталабайлы, балдарыбызды кор кылбай өстүрөлү, ынтымак менен бири-бирибизди колдойлу. Мына мен деле элүүгө барайын деп калдым, силерге өзүм баш-көз болом, а атам жөнүндө ойлобой койсок да болот.

- Жок, байке, - деп Айбек агасын карады. - Мен атамды карыган кезде талаага таштай албайм, ал ансыз дагы жазасын алды, Гүлнаранын төрөгөн баласы токтобой азап тартты…

- Баары бир ал ата болгону менен аталык милдетин аткара алган жок, билесиңби ал элдей болуп тойчук бере алган жок. Качан болсо апам байкуш тагаларымдан ун ташып бакты бизди. Атаң иштеп бала катары бага алган жок, бири-бирибиздин эски кийимдерибизди кийип, эптеп чоңойдук го, - деп өзү ата болуп, аталык түйшүк башына түшүп, жашы бир топко барган Субанбек күйүп-бышып жатты. Үчөө ошентип Ормонбекти кечирүү же кечирбөөнү чече алышпай жасап жаткан жумуштарын унутуп, көпкө отурушту. Убакыт учкан куш дегендей бат эле жай бүтүп күз келди. Ормонбектин эски тамынын жанына заңгыраган үй куруп, үйдүн ордуна бак тигишти. Айбек ал үйдүн кичүүсү болгондуктан ээлик кылып калды, Субанбек менен Съездбек шаарга кетишкен. Жылдар жыла берди…

Гүлнара шаарга барып, колундагы акчасы менен соодага киришти, орто жашап калган кезде дагы өзүн жаштардай алып жүрө берди. Балам жок деп арман кылып жүрүп, бир аз чөгүп агарган чачын бойотуп, салонго барып тыңый баштады. Телефон алгандан кийин ал айылга келди да, үйүн сатып шаардын четинен чакан үй алып жашап калды. Күндөп-түндөп кытай товарын алып сатып жүрүп, бир кытайга жагып калды. Ошону менен жүрө баштады. Кызыгы ал кытай кыргыз тилин суудай билет экен, канча жылдан бери кыргыздар менен соода кылган Чжин Ху аны эт-бети менен сүйдү. Бир күнү аны үйүнө ээрчитип келди.

- Ох-хо, сен бай аял турбайсыңбы! - деди Чжин Ху киргенде эле.

- Бай эмесмин, сага жетпейм, - деп Гүлнара кылыктана күлгөндө жүзүндөгү тырыштары жазыла түштү.

- Башканы коюп келчи эркелешип алалы, менин аялым Кытайда, көптөн бери аялзатын сагынып жүрдүм эле, - деп турган жеринен эле кучактап өпкүлөй баштады. Гүлнара анын өпкөнүнө жалындап күйүп бараткандай көздөрүн жума онтолоду.

- Кылыгың кыздардай эле экен.

- Кыз да болгомун.

- Туура, бирок азыркы жашыңдагы кылыгыңды айтам.

- Мен дагы эркекти сагындым, - деди кыңкыстай.

- Күйөөң эмне болду эле?

- Өлгөн.

- Кечир.

- Эчтеке эмес, келчи сенин өбүшүң абдан жагымдуу экен.

- Сеники дагы. - Чжин Ху аны колтуктап ала төргө көтөрүп барып диванга жаткыра көпкө чейин аймалады.

- Ушунчалык дагы сезимтал болосуңбу? - деп Гүлнара Чжин Хуну өзү чечинтип кирди. - Өлүп баратам, кудай ай, эркек дегендин мынчалык керек экенин сезбей жүрүпмүн.

- Сенин денең али да болсо жаш кыздардыкындай назик, жумшак экен, көздөрүң дагы жагымдуу, - деген Чжин Ху аны өпкүлөп, жыпжылачаң денесин колдору менен сыйпалап келип, чатына жетти. Экөөнүн бул ишине бир караңгы түн күбө болуп, эзилише төшөктө туйлап жатышты. Гүлнара аны менен жүргөндөн бери абдан байыды, Дордойдон контейнер алды, үйүн алмаштырып, баардык шарты бар төрт бөлмөлүү үй алды. Жашоосу өзгөрүлүп, эч нерсе көзүнө көрүнбөй жашап жатканда бир кызык окуя болду. Шаардын чымын-куюн унаа өткөн жолдорунан өтүп бараткан. Бир кезде бир кара машина келип сүзүп кетти, Гүлнара катуу жыгылды. Эл чогула түштү, айдоочу түшө калып аны көтөрүп унаасына салды да, ооруканага алып барды. Жамбашынан жыгылганда жарака кеткенин рентгенден көрүп врачтар гипс салып коюшту. Айдоочу болгон керектүү дары-дармектин акчасын төлөп коюп, телефонун таштап кетти. Ал кетээрде милицияга билдирбөөсүн өтүндү. Бул Кадырбек болчу, ал шопурун калтырып машинесин өзү айдап чыккан эле. Өз кишилери менен сүйлөшчү телефону башка, тааныштары үчүн бөлөк телефону боло турган. Эки күндөн кийин ал Гүлнараны көрүү үчүн ооруканага келди. Гүлнара ойгоо жаткан.

- Ал-абалыңыз кандай?

- Жакшы, рахмат.

- Мен сизден көптөн-көп кечирим сурайм, болгон чыгымды төлөйм, чай-пай алдырып ичип туруңуз, - деп акча таштады.

- Рахмат.

- Күйөөңүз, балдарыңыз барбы?

- Экөө тең жок, - деп Гүлнара муңая башын дубалга буруп кетти.

- Кечириңиз, жараңызды чукуп алдым, билбестен уу ичет деген го.

- Эчтеке эмес, бул адаттагы суроолордун бири эмеспи, - деп Гүлнара улутуна Кадырбекти карады. - Мындай суроону миң ирет уктум, бир жолу бар деп айтканга кудайым буйрубады…

- Кайдан болосуз?

- Сары-Камыштан.

- Кай жагынан?

- Өзүнөн эле.

- Жердеш экенбиз, менин атым Кадырбек.

- Гүлнара, - деди аял саал кабак чытып.

- Эмесе жакшы туруңуз, теңтуш эле окшойбуз? - Кадырбек күлө карап жооп күттү.

- Мен элүү жетидемин.

- Бир-эки жаш айрымабыз бар экен, сиз абдан жаш көрүнөт экенсиз.

- Чын элеби? - Гүлнаранын жүзүнө жылмаю кирди.

- Ооба, мен сизди элүүдөн бери деп ойлогом.

- Рахмат сизге. - Гүлнара копшоло калып токтоду.

- Жакшы болуп кетиңиз, келип турам, - деп Кадырбек анын колун кыса коштошуп, палатадан чыгып кетти.

- Жакшы бар, - деди Гүлнара улутуна, өкүнүчтүн ачуу буусу оозунан үшкүрүк аркылуу чыга жатып калды. "Пешенемби, же өзүмдөнбү, неге мен ушундай жигиттерге туш келбедим, эптеп эр болсо болду деп Ормонбекти кармадым, тууган балам анын кылмышынан токтободу. Эми мен ата-энеме көз карандымын, алардын көзү өтсө бир туугандарыма көз каранды болуп каламбы? Жо-ок, мен бала багып алуум керек", - деп ойлоп алды. Арадан бир ай өткөндө Гүлнара ооруканадан чыгып үйүнө келди, Чжин Ху Кытайга кетип бир жолу да келген жок. Бир күнү телефону чырылдап калды:

- Ало, ким экен бул? - деп Гүлнара сураганда тааныш үн угулду:

- Кандайсыз, Гүлнара, мен келсем кетип калыптырсыз.

- Аа-а сизби, келгениңизге ыраазымын, ансыз да мен үчүн көптү жасадыңыз, өзүңүз кандайсыз анан?

- Баары жакшы, мүмкүн болсо жолугушсак кандай болот? Бир аз баарлашып дегендей, бир жерден чайлашалы.

- Мен азыр чыга албайм го, анча дурус эмес…

- Анда мен сизге барайын, каршы болбосоңуз.

- Үйгөбү?

- Эмне болмок эле, бир жер, бир элдик экенбиз, жакшылап жакындан таанышсак болот эле…

- Макул, - деди Гүлнара, анан дарегин айтып дүкөнгө жөнөдү, тамак жасаганга эт-пет алып келип, дасторкон үстүн жасап койду. Бир аз сылтып басканы билинип турат, чайын кайнатып даяр кылган соң диванга жатып калды. Арадан жарым сааттан ашык убакыт өткөндө эшик чырылдады.

- Ачык, - деди ичкериден Гүлнара, анан ордунан туруп келди.

- Кандай ал-акыбал? - Кадырбек кирип бетинен өөп учурашты.

- Жакшы, кириңиз үйгө, - деп аял алдыга басып коногун залга алып кирди.

- Оо жашооңуз депутаттыкындай экен! - Тамашалай кирип, креслого чалкалай отурду. - Мен бир аз бир нерсе алып келдим эле, - деди да, телефон чалды. - Ало, үчүнчү кабатка көтөрүл.

- Ал ким?

- Заказ кылгамын.

- Убара болупсуз да.. .

- Эмнеси убара, мен өз бир тууганымдай көргөн адамга каалаганымды берем жана алып берүүгө тийишмин.

- Рахмат, мени бир тууганыңардай көргөнүңөргө.

- Эч нерсе эмес, Гүлнара, кел "сиз-биз" деп отурбай эле сен деп сүйлөшөлү. - Ошол убакта каалга чырылдап калды.

- Келди, - деп Кадырбек туруп барып, эки пакет толтура тамак-ашты алып калды. - Рахмат, бара берсең болот, - деди тигил адамга.

- Жарайт, - деп ал чыгып кетээри менен:

- Гүлнара айым, буларды кайда алпарайын? - деп босогодон үн салды.

- Азыр, мен киргизем, - деп Гүлнара аксай басып келатканда Кадырбек өзүн күнөөлүү сезип, пакеттерди кармап туруп калды:

- Жо-жо-ок, көрсөтүп койсоңуз эле болду.

- Жүрүңүз ашканага, - деди Гүлнара. Кадырбек ашкана бөлмөгө кирип, ичиндеги тазалыкты, муздаткычты, газда кайнап жаткан тамакты көрүп: "Оңой катын эмес окшойт, жалгыз жашаса, кимдир бирөөсү бар го мунун", - деп ойлой пакеттерди жерге койду. Гүлнара тамак-ашты муздаткычка салганда андагы семиз койдун этин, дагы толгон тамактарды көрүп, акырын артка кайрыла залга кирип отуруп калды. Гүлнара тооктун этин, бир бөтөлкө винону алып кирди. Ал тарелка менен вилкаларды, рюмкалары үстөл үстүнө коюп жатканда Кадырбек отургучка отуруп:

- Кайда иштейсиз? - деп сурады.

- Базарда.

- Соода кыласызбы?

- Ооба.

- Каерде?

- Хан базарда.

- Ошондой базар барбы?

- Жаңы гана ачылды, контейнерим бар.

- Жакшы экен.

- Эмнеси жакшы, эртеден кечке тытынмай, бир айдан бери барбай калдым, эмне болду билбейм, - деп чай куюп сунду. Бир чыныдан чай ичкенден кийин Кадырбек:

- Эми, Гүлнара, сиз-биз дешип отурбай эле сен дешели, албетте сиз макул болсоңуз, - деди ага дагы кайрыла.

- Сизге туура келсе.

- Туура эле болот, сиз-биз дегенде ортобузду бир нерсе бөлүп тургандай болот экен, - деп Кадырбек күлүп калды, - Туурабы, Гүлнара?

- Ошондой болгону жакшы го, биздин ортобуздун ансыз да айырмасы бар.

- Андай дебе, Гүлнара, кел мындан алып отуралы, - деп өзү грилди бузуп, винодон эки рюмкага куюп бирин өзү алып, бирин Гүлнарага берди. - Кел, Гүлнара, мындан алып койолу, кантсе дагы бул ичимдик адамдардын көңүлүн көтөрөт эмеспи, сенин сакайып бутуңа турушуң менен!

- Рахмат, денсоолук үчүн алалы.

- Гүлнара, жалгыз турасыңбы?

- Жалгыз экенимди айткам.

- Кечир, бирок кимдир бирөөң барбы дейм да.

- Муну менен эмне демексиң?

- Иниң же сиңдиңби, айтор жаныңда караан болчу бирөө барбы дегеним.

- Аа-а жок, жалгыз турам, өзүм көп кишини сүйбөйм.

- Андай болсо кечир.

- Кечиргидей эчтемеси жок.

- Мен бир сөз айтсам кандай дээр элең?

- Кандай сөз?

- Жагымдуу болооруна ишенем, - деп Кадырбек сырдуу жылмайып акырын колунан кармады. - Сен мага жагып калдың.

- Болбогон сөз, убактылуу кумардыр…

- Жок, андай эмес, чын жүрөгүмдөн айтып жатам.

- Ишениш кыйын, жашым улгайганда тынч жашагым келет.

- Тынч, бактылуу жашайбыз.

- Мен эч кимге, ал тургай өзүмө дагы ишенбейм.

- Мен ишенүүңдү каалайм, - деп колунан аста өптү. Кадырбектин кыймыл-аракети таптакыр башкача эле, жөнөкөй адамдардыкындай эмес. Гүлнара анын көздөрүнө тике карады. "Бул жөн адам эмес, баш кесер же киши өлтүргүч", - деп денеси үркүп кетти, чынында ал бир кезде ушул адам менен бирге күнөөсүз күйүп кетээрин сезген жок.

- Көп ойлонуу керек, - деди Гүлнара акырын.

- Макул, анда мындан татып туралы, - деген Кадырбек рюмкаларга вино куюп, кайра сунду. - Биз адамдар тирүүлүктөгү жакшы жашоого эч качан ыраазы болбойбуз, качан гана азапка малынганда гана жаңылганыбызды сезебиз, - деди Кадырбек ойлуу.

- Эмнеге минтип жатасың?

- Дегинкиси ошондой эмеспи, өзүбүз жаңылып алып, анан тагдырга шылтап, кудайга нааразы болобуз, бул эми адамдардын жашоосундагы көнүмүш көрүнүш дечи.

- Эми илгертен, адам баласы жаралганы ошондой болсо керек.

- Да-а, негизи ошондой, кээде өкүнүчкө алып келген окуялар болуп кетет.

- Кадырбек, үй-бүлөң барбы?

- Бар, эки уулум бар.

- Бактылуу адам экенсиң.

- Ошондой эле болчумун.

- Анан эмне болду?

- Аргасызмын, - деди Кадырбек оор улутуна. - Кеч түшүндүм.

- Анчалык…

- Кереги жок, андан көрө мындан кылт этип туралы, - деди Кадырбек кайрадан вино куюп. Андан кийин Гүлнара муздаткычтан вино алып чыкты, аны Чжин Ху алып келген эле.

- Бул көптөн бери сакталып турган, бир таанышым алып келген, даамын татып көрөлү, - деп жылмая рюмкаларга өзү куюп, бирин Кадырбекке сунду. - Кел эми, Кадырбек, ырас бир жерлик экенбиз, ушундай бир кырдаалда таанышып калдык, сага рахмат ушунчалык карадың. Чынында өзүм деле дарыланмакмын, бирок сендей жигитке ыраазымын, ошол жерден башка бирөө болсо карабай кетип деле калмак, өлгөн-тирилгенине да карамак эмес. Бул тостту экөөбүздү тааныштырган ошол күн үчүн ичели, - деди Гүлнара, баятан бери ичкенге бир аз кызып калгандай.

- Ооба, бүгүн сени менен чечилип отуруп ичким келет. - Экөө кагыштыра алып жиберишти. Күн кечтеп баратты. Алар козголоор эмес, Гүлнара тамагы бышканда былкылдаган семиз этти алып келип, алдыга койду, аркы-беркини сүйлөшүп ичип отурушту. Кадырбектин кетээр түрү жок. Баса, ал Бөрүнү өлтүргөндөн кийин анын ордун басып, баарын жаңыртты. Анын өзүнө болгон көз карашы түз эместигин байкап калып, кооптуу иштер боюнча сүйлөшөбүз деп ээн талаага алып барып, унаадан түшкөндөн кийин атып салды да, кете берди. Бөрүнү ким атканы белгисиз бойдон калганы менен, "Арстан" деген кличкасы бар, мурун Бөрүнүн оң колу болуп жүргөн неме ким өлтүргөнүн астыртан иликтеп жүргөн "крышасына" сатып койгон экен. Кадырбек аны билип калып, эч кимисине кайда экенин айтпай кетип калган. Корккону үй-бүлөсү, балдары чоңоюп калган, ата-энеси менен туугандарына зыяным тийбесе экен деп жашырынып жүргөн кези. Замиранын шаарда экенин билбейт, чалып сүйлөшкөндөн коркот, өзүнүн каарын үй-бүлөсүнө көрсөтүүдөн жүзү чыдабайт. Элмирбекке дагы баягы боюнча чала элек.

- Кадырбек, - деди Гүлнара вино ичилип бүткөндөн кийин ыңгайсыздана, - кеч кирип баратат, мен дагы чарчадым, эс алышым керек.

- Шашпа, Гүлнара, мен бүгүн биерде калсам кантет?

- Кантип?

- Гүлнара, Гүлнара, - деп колун көтөрө токтотту. - Биз бир эле жолу жашайбыз, бир төрөлдүк, бир өлөбүз.

- Аны билем, Кадырбек, бирок болбойт.

- Эмнеге? - деди Кадырбек калп эле аңкоолоно. - Жакшылап сүйлөшүп чер жазалычы, көптөн бери денем жазылбай курушуп жүрөм, жөн эле отуралычы, - деди чарчагандай үңкүйө.

- Болуптур анда, мен эс ала берейин, - деп өз бөлмөсүнө өзүн зордоп араң кирди да, спальныйга жатып калды. Кадырбек отурган жеринде катып калды, ал Гүлнарага капаланган жок, болгону өзүнүн жаңылыштыгына өкүнүп отурду. Тээ бир оокумда костюмун чечип, Гүлнаранын бөлмөсүнө кирди, чечинип жанына жатып алып, коңурук тарта уктап кетти. Түн бир аз караңгы болгону менен үйдүн ичине терезеден айдын шооласы түшүп, бөлмөнүн ичи бүл-бүл жарык болуп турат. Капыстан көзүн ачкан Гүлнара жанында дардайып жаткан Кадырбекти көрүп адегенде таңгалды, бирок эркектин коңур жыты аны эрксизден өзүнө тартып, анын жүзүнө колун акырын алып барды. Аста сылап, чекесинен колун тартып алды, анткени Кадырбек козголуп кетти. Ал атайылап эле Гүлнаранын үстүнө бутун артып, оодарыла кучактап калды. Гүлнара денесине ток тийгендей жүрөгү түкүлдөп, дым чыгарбай жатып калды.

- Гүлнара, мени кучагыңа кысчы, берекем, сагынычымды, кусалыгымды таркатчы, - деди Кадырбек ошол жаткан бойдон көзүн ачпай.

- Эмнеге биерге жатып алдың? - деди Гүлнара ага.

- Жаныңа жаткым келди.

- Кызык…

- Эмнеси кызык, аял-эркек бири-бирисиз жашамакпы?

- Аны мага айтканың бекер.

- Койчу эми, кучагыңдан мээрим берчи, мени түртүп салбачы!

- Кадырбек, бул эмнең? - деп каршы болумуш эткен Гүлнара баары бир анын колун түртө албады. Андан кийин экөө бир төшөктө тебишип, коргошундай эришип, бири-бирине махабат көлүнөн бал таттырып ырахатка батып жатты.

- Укмуштуу кылыгың бар экен, сени элүү жетиде деп ким айтат! - Кадырбек аялды кучактап өөп чачтарынын арасына салаасын сойлотту…

Ошондон тартып Кадырбек ага эки күндө бир келет, экөө жакшы болуп баратты. Аргасыз үй-бүлөсүн алыстан көздөп, аялынын кайда экенин билбей, Гүлнара менен түнкүсүн кездешип жүрө берди. Гүлнара базарда иштеп күндө кирешелүү, бирок Чжин Ху жок ал оңкулдап жүрдү, анткени товарларды өтө эле төмөн баада ала турган. Анын жанынан контейнер сатып алган Замира экөө ынак болуп кетти, бирок Замира андан кичүү, ошентсе да алар бат эле тил табышып эзелки достордой болуп, кайда барса бирге. Түштөнүүгө дагы чогуу барышат же аларды бир жердик экени жакындатып койдубу, айтор эже-сиңдидей. Замира дагы өңдүү-түстүү болгондуктан анча-мынча көргөн эркек жабыша калчу. Ал Кадырбектин айтпай-этпей эле айылга алпарып коюп, дайынын билгизбей кеткенине, телефонун дагы өчүрүп койгонуна өчөшүп: "Эмнеге мындай болду же жашында кетпей, балдар үйлөнөөр кезде ың-жыңсыз жоголгонун", - деп жини келип жүргөндө бир адам менен таанышып калды. Ал жөнөкөй эле бир кафе иштеткен адам эле, токтоо, салабаттуу. Бир күнү Гүлнара Замирага:

- Замира, менин үйүмө конокко барып келбейсиңби? - деп калды. - Сага деген бир сюрпризим бар, бүгүн күтөм, келип кал, - деди.

- Кандай сюрприз?

- Азыр айтпайм, барганда көрөсүң, өлбөгөн жанга бир чардайлычы, Замиш, - деп калды Гүлнара сумсая. Ал айылда бир конок болуп эчтекени көрбөй, эки-үч эркек менен жүрүп, боюна болуп калганда аргасы кеткенинен Ормонбекти атайын кармаган өзүнүн жаштыгына абдан өкүнүп келет. Көп жылдарын аны менен өткөрүп ийгенине ичинен өзүнө нааразы. Ошентип ал өткөн өмүрүнө өкүнүп, ошонун эсесин эми чыгаргысы, ойноп-күлгүсү келди.

- Макул, барайын, көңүл ачуудан эмнеге качмак элем.

- Анда болуптур, мен камына берейин, - деди Гүлнара. - Баса, жигитиңди ээрчитип ал.

- Болуптур, - деди Замира күлүп. Ошентип ал кечтин киришин күтүп калды. Жамалбек өзү курдуу адам, үй-бүлөсү бар, бирок Замиранын айтканынан чыкпайт. Ага бүгүн конокко барышарын телефон менен айтып койгон. Кадырбек үч күндөн бери Гүлнаранын үйүнөн чыкпай калган. Анткени ич арадан Бөрүнүн агасы издетип жатканын ага өзүнүн ишеничтүү адамы кабарлаган эле. Кеч кирип, Гүлнара конок камын көрүп жатты.

- Конок келеби? - деди Кадырбек.

- Ооба, бир жердеш курбум келет, биз эми улгайганда көңүл ачкандан башка эмнебиз калды, - деди Гүлнара жылмая.

- Мен тоскоол болбоймбу?

- Жо-ок, тескерисинче, анын дагы жигити бар, бир аз көңүлдүү болоор дейм.

- Жарайт.

- Анда баары жайында.

- Азыр келип калышат, - дегенче эшик чыр этти. - Келип калышты окшойт, - деп Гүлнара эшикти ачканга чыкты. - Оой келгиле, келгиле, - деп шыпылдай тосуп алды. Замира менен Жамалбектер дагы чоң пакет толтура бирдемелерди көтөрүп алышыптыр. - Тим койбойт белеңер, - деп Гүлнара аларга таарынган болду.

- Эчтеке эмес, куру кол келгенге болбойт, биз кыргызбыз да, - деп Жамалбек күлө учурашып ичкери өттү. Жамалбектин артынан кирип келе жаткан Замира аларды карап калган Кадырбекти көрүп таштай катып, жүзү купкуу болуп кетти. Жамалбектин саламын алик алган Кадырбек андан бетер өңү купкуу болуп селдейе туруп калды. Ашкана бөлмөдөн келе жаткан Гүлнара:

- Эмнеге туруп калдың, жүр, мен сага сюрприз көрсөтөм дебедим беле, бол эми, көрсөтөм, көрүндүгүң көп болсун, - деп кыт-кыт күлө Замираны залга ээрчитип кирип, Кадырбектин тикесинен турганын көрдү. - Оой жаным, таанышып койгула, бул менин курбум Замира, - деди Кадырбекти карап. - А бул менин өмүрүмдөгү биринчи жолку бактым десем болот, атайын сага сюрприз кылдым, - деп Замираны Кадырбектин бет маңдайына отургузду. - Кана, курбум, жактыбы менин сюрпризим? - деди жылмая.

- Жакты, жакпагандачы, курбум, - деди Замира өзүн зордоп.

- Кана анда, дасторконго карайлы, - деп Гүлнара чай куюп сунду.

- Кана биссимилла, - деп Жамалбек нандан алды. - Кел, Замиш, нанга кара, жаным, сага эмне болду? - деп үйрүлө калды…

Эки адам бет келишти. Бири-бирин жыйырма жылдап жакшылык-жамандыкта колдоп, турмуштун ысык-суугуна күйүп, уулдарын сүйүп тарбиялашкан жубайлар ушинтип кыйын кырдаалга туш келди. Арман, Кадырбек өзүнүн катаал мүнөзүнө салып туруп кеткиси келди, бирок анте албады. "Баарына өзүм гана күнөөлүүмүн, балким өчөшүп ушуга баргандыр? Балдар кайда болду экен, окуусун улантып жатышабы же таштап койдубу, кантип сурайм, бул адам менен болгонуна кантип чыдайм?" - деп зыңгырай чайдан аста ууртап, көзүнүн төбөсү менен Замираны карап коюп отурду. Замира ал караган сайын кекиртегинен эчтеке өтпөй, көзүн ала качат.

- Кана, коноктор, эмесе бир аз көңүл көтөрчү суудан татып турбасак ортобузда суздук пайда болду, мындан ичип шаңдуураак отуралы, - деп шакылдаган Гүлнара арактан куюп аларга сунду.

- Ооба, ошондой кылалы, таанышканыбыз үчүн бирден сеп этип, анан бири-бирибизге көнө түшсөк көңүлдүү болот, - деди Жамалбек. Кадырбек менен Замира баш ийкеп гана тим болушту, алар үчүн бул күн тозоктун дал өзү эле…

Кадырбек ошол күндүн эртеси ичинен тынып тим болду.

Замира бир жумадан соң контейнерин сатып кетип калды. Бирок көп өтпөй телефон аркылуу кайын журтунан кайгылуу кабар келди, Элмирбек кат жибериптир. Кадырбекти кимдир бирөөлөр өлтүрүп кеткен имиш, сөөгүн айылга алып барышыптыр. Эки уулун ээрчитип, өзүнүн эки жеңеси менен жетип барды. Бирок көзүнөн жаш чыкпады, мисирейип унаадан түшүп, бир ачуу чаңырып боз үйгө кирди, бирок бетин ачып көргөн да жок.

Ошентип бул дүйнөнүн кубанычын да, кайгысына да тең орток болуп, өлгөнчө бирге болобуз деген жубайларды куу турмуштун ачуу чындыгы бөлүп тынды. Батага эл менен Шермат дагы келди. Бирок ал өзүнүн ушундай элге таанылып, сыйга жетип калганына кубанбады, анткени анын мойнуна ого бетер жоопкерчилик жүктөлгөндөй болду. Ал кийинки кездерде оор жүктү көтөрүү кыйын экенин сезди. Себеби анын айтканы келип, сакайып же жогун таап алгандар кубанып калса, өлүм алдындагы же сакайбай турган оорулуулар, табылбагандарды издеп үмүт кылып келгендерге жардам бере албаганы үчүн өзүн күнөөлүүдөй сезчү болду. Ал оор жүктөн өзүн калкаламак болуп, шаарга кетсемби деп ойлоду. Бирок дагы бир түш аны кыйнап жаткан, ал өтө алыста болгондуктан көргөн түшүбү же көзүнө көрүнгөнүбү, аныктай албайт. Ошол түшү аркылуу ал узак сапарга чыкмак болуп жатты… Анткени ал: "Бул менин адамдык парзым, аткарчу милдетим", - деди өзүнө.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз