Айгүл ШАРШЕН


"Иним экөөбүзгө бир катын..."


- Дегеле жетесизден бүлөө алба, жердигинде жакшылык көрбөгөн өлүгүңдү көрөйүн десе, чекени жылытпаган немени кайдан да ала койдум эле?

- Апа, эмне болду? - деп Жакып чыга калды.

- Эмне болду деп коет, алдагы катыныңды түшкө чейин уктай бербей эрте тур дебейсиңби?

- Апа, саат эми алты болду го, анын үстүнө Жайлоокан жаш, бир аз көтөрмөлөп койсоңуз боло, - деди Жакып күңкүлдөй.

- Кап-пырай айя, жаш деп, мен деле он бешимде сенин атаңа келгенде керилип жаткан эмесмин, аялга катуу-катуу эле айтып бекем болбойсуңбу, эмитен минтип болушсаң мойнуңа минип алат, - деп алкылдап жатканда Жайлоокан чыга калды:

- Апа, эмне кылайын?

- Ойногону келдиң беле, келин деген эрте туруп эшик шыпырат, эрине чай берет, келин алып колум узарат десе кайра түйшүк тарта турган болдум, өлбөй кал шордуу Айымкан! - деп курулай күйгөн болуп өлгөн келинин айтып көз жашы кылып ары басып кетти.

- Кечирип коюңуз, - деп Жайлоокан эшик шыпырууга киришти, Жакып жаш аялына боору ооруган менен аны коргой албады, апасынын сырын жакшы билет, Айымканды деле ушинтип каарып отурчу, эки балалуу болгуча кирип-чыгып уруша бергенин билет да. Эми анын көзү өткөндө аны мактаганына жини келгени менен эчтеке дей албады, эне деген эне эмеспи. Унчукпай ичке кирип кетти. Керээли кечке Жайлоокандын жаны тынбайт, бир аз көчүгү жерге тийсе болду, Зымырат какшанып кирет.

- Бу кара баскан неме үйүмө келди ишибиз да жүрүшпөй калды, ата-энеден калганда буга балээ жармашкан экен, деги кантээримди билбейм.

- Эмне эле наалып жатасың? - деп короосуна кирген коңшусу Айнаш андан сурай кетти.

- Эмне наалыбай турган ишпи, келинди тексиз жерден алып көөнүм тынбай калды го?

- Койсоңчу Зымырат Жайлоокан жаш эмеспи, анан дагы бечаранын жаны тынбайт деле.

- Сен эмнени билесиң, айттырбай жасай албайт экен, качанкыга какшанып отурам буга, - деп Зымырат коңшусун жактыра бербей башын ары бурду, - Байкуш Айымкан алтын келин эле го-о, эми болбой калды.

- Кокуй гүн оой, аны деле ушинтип жамандап отурчу элең, балаң менен тынч жашаганына тооба деп жүрө берсеңчи ботом, аны өлгөндөн кийин гана жакшы дегениңди көрүп эле жүрөм го? - деди Айнаш кашкайган чындыкты коңшусунун бетине айтып, - Айымкан тектүү, ата-энелүү кыз эле, ушу сенин каарыңдан эле чүнчүп жүрүп ооруп өлдү.

- Сен эмне эле мени сындап калгансың ыя, сенин эле телегейин тегизби? - Зымырат Айнаш менен урушчудай чукчуңдай карады.

- Тегиз ким бар дейсиң, сенин келиндериңди кажый бергениң эле жакпайт, Жайлоокан жаш эмеспи, бечара жетим болуп өзү дагы тартынчаак болуп өстү, сен энесиң, балаңдын өмүрлүк жары болгондон кийин өз бүлөөңдөй мамиле кыл да, кой мен сага тиги Айтымбеттин баласынын бешик тоюна барасыңбы деп келбедим беле? - деди Айнаш ага.


- Сен бара бер, менин алакам жок, эмнеге бармак элем? - Зымырат жактырбай ары басты.

- Шааркан менен эже-сиңди болуп жүрчү элеңер го?

- Өзү каттаганды билбейт, атайын чакырып койбосо эмнеге барам, эт жегенге бармак белем, аш аңдыгансып.

- Мейли, өзүң бил, мен барайын, - деп короонун оозуна барганда тестиер бала менен беттеше түштү.

- Зымырат эне, сизди атам тойго чакырып жатат.

- Аа-а, барам айланайын, Айтымбеттин баласысыңбы?

- Ооба.

- Макул барам, - деп Зымырат Айнашка кайрылды.

- Эми токтой тур ай, чогуу баралы.

- Ма-акул, мен камына берейин, - Айнаш чыгып кетти. Жайлоокан кайненеси бир жакка кеткенин жакшы көрчү, кулак-жаны тынчып калаар эле. Зымырат кетип жатып:

- Кудай берди деп отуруп албай иш кыл, кирлерди жууп кой! - деп үйүнөн чыкты. Жакып совхоз жоюлганы бөлүп алган үлүшүнөн тийген жыйырмадай коюн малчыларга кошкончо өзү кайтарчу, түшкү тамагын көтөрүп ала кетет. Зымырат кечке жоголуп кечинде келип келининин жасаган иштери жакпай, тамагынан кемчилик таап какшанып кирди:

- Апа, тамактын тузу туура эле го? - деди ага Жакып.

- Ооба, катыныңдын тамагы укмуш болуптур, эптеп атала жасап берсе эле ичип отура бер, андан көрө какыс-кукус кылып бир эркектей болсоң боло? - деди баласын акшыя карап.

- Ай апам ай, деги сага кандай аял жагат, Айымканды деле ушинтип отурчу элең, эки балам менен мен кайда барам деги, кайра-кайра катын алып жүрө беремби?

- Жакшысын тап, кетир мунуңду!

- Кайда кетет, таежеси менен өзүң сүйлөшүп алып бербедиң беле, аерден дагы жакшы күндү көрбөптүр, адамга бооруң ооруп койсо боло, бул деле адам баласы го? - деп эшикке чыгып кетти Жакып.

- Омээй ботом, катынына чаң жугузгусу келбейт да, - деп элейе отуруп калганда Жайлоокан:

- Кечириңиз апа, балаңыз экөөңөрдү жаман көрсөтпөй өзүм эле кетейин, жакпасам айла канча, - деди ыйлап отуруп, анан кийимдерин чогултуп чыгып баратканда Зымырат анын колундагы баштыкты жулуп алды:

- Бул кийимди мен кийгизгем, кандай келсең ошондой кете бер!

- Апа, бул эмне кылганың, Жайлоокан кетсе мен дагы кетем, жалгыз калтырбайын деп аяса мени тынч жашатпайт экенсиң, - Жакып кирип келип Жайлооканды колдон алып эшикти көздөй жөнөдү, - Эртең балдарды алып кетем, - деди кайрылып.

- Ой бала, бир катын деп энеңди таштап кетесиңби?

- Мага тынч жашоо бербесең кетем да.

- Жакып айланайын, кой киргиле үйгө, мени элге шерменде кылба, - деп Зымырат уул-келинине жалдырап ийди, - Эчтеке дебейм эми, кой, кайда барат элеңер?

- Экинчи келиниңе сүйлөбөйсүңбү?

- Сүйлөбөйм балам, киргиле үйгө.

- Болуптур, дагы бир жолу ушундай болсо мен калбайм, шаарга кетип калам, - деп Жакып аялын ээрчите ичкери кирди, эки бала эч нерседен капарсыз ойноп отурушкан. Жайлооканды алар апалап өз энелериндей эле көрөт, бири алты, бири жети жашта. Жакып ачуусу келип дулдуя ички бөлмөгө кирип кетти, Жайлоокан өз ишин жасап жатты. Ал ичинен күйөөсүнө ыраазы болуп калды. Бул окуядан кийин Зымырат бир аз жоошугансып калды, Жакып аны көз кырынан кетирбей байкап турат, бирок ал талаага мал жайып кеткенде келинин каарып-каарып анан Жакып келээрде бөйпөңдөп калчу болгон.

- Дегеле таштандыга таш тийбейт деген ырас экен, эне-баланы да заматта экиге бөлүп койгонун кантесиң, карында жатканда эле алчы-таасын окуп чыккан го? - деп күңкүлдөп калат. Андайда тагдырына нааразы болгон Жайлоокан ичинен сыздап, көз жашын төгүп-төгүп алат дагы ишин жасай берет.

- Апа, мен жакпадым, качып кетпей ачык эле кетейин, балаңыз жокто кетем, - деди чыдай албай бир күнү Жайлоокан.

- Апей ботом, сени бирөө кет деп жатабы, Жакып келсе эмне дейт, ал артыңдан эле жөнөбөйбү? - деди аңкоосуна.

- Мен сиз айткандай жетиммин, мага ким боор оорумак эле, балаңызга өзүңүз каалап башка аял алып бериңиз, - деди да кийип жүргөн кийими менен короодон чыга жөнөдү.

Алмагүл ал кирээри менен эле акшыя карап тосуп алды:

- Эрге тийип эрди, же бизди жарытпайсың, эмнеге келдиң?

- Кайненем…

- Кайненеңе тең боло албадыңбы, же эриңе тең боло албадыңбы, ушундан көрө сени сексендеги Көкүнбай чалга берсем болмок экен.

- Таеже, күйөөгө бербей эле койчу, күңүң болоюн, таеже, - Жайлоокан жалдырап ыйлап ийди.

- Көзүңө ак түш, көзүң кашай!

- Таеже?!

- Жап оозуңду, үйүңө кайра кет, - деп булкунду Алмагүл.

- Бир бооруңуздун кызымын го таеже, сен боор ооруп койчу таеже, - Жайлоокан босогодон бери кирип эле буркурап чөгөлөй отуруп ыйлап жатканда артынан Жакып кирди, аны көргөн Алмагүл жойпулана калды:

- Кел, кир күйөө бала, мен Жайлооканды тилдеп жаттым эле, эмнеге баса бердиң деп.

- Анда күнөө жок эже, баары апамда, тур Жайлоокан, ыйлай бербе, мен сени коргоп алам, - деп келинчегин колтуктап өйдө кылды.

- Өйдө өткүлө, чай ичкиле, - деп жойпулана сөрүүгө дасторкон салып чай алып келди, - Жакин, отур кызым, мен сенин энеңдеймин, акыл-насаат айтып, тилдегенге акым бар.

- Ал айтканыңыз туура, - деп Жакып башын жерге сала дагы бирдеме деп айтмак болуп жатканда босогодон эки небересин ээрчитип Зымырат кирди.

- Капырай, экөөң тең баса берсеңер булар отурбай койбодубу, - деди кирип келе жатып эле, - Айтып келсеңер боло?

- Келиңиз кудагый, балдар эми эле келген.

- Ооба, артынан эле келдим, мендей карыны кечиргиле айланайындар, алжыганда сүйлөп калат экенсиң да, - деп актана төргө отурду.

- Келбей анан, өзүбүз деле чакырып алалы деп жетише албай жатам, - деп Алмагүл ага чай сунду.

- Болот да, жай бар, кыш бар кудагый, экөө эле ынтымактуу болсо сый кайда качмак эле.

- Ооба десең, - деп шыпшынып ичке карай үн салды Алмагүл, - Оой Айназик, тамак ас кызым.

- Кереги жок, дагы бир келээрбиз, убара болбоңуздар, - деди Жакып. Алар бата кылып кетмек болуп орундарынан турганда Алмагүл кыйпычылыктап аларды узатып чыкты. Жайлоокан ичтен сыза кайненеси менен күйөөсүн ээрчип жөнөдү.

Убакыт ошентип бирде ыйлап, бир күлүп, кайрымсыз тагдырына наалат айтып өтө берди, билинбей жүрүп кыздуу болду, андан кийин экинчи кызын төрөдү. Жакып аялы менен апасынын ортосунда чайланышып жүрүп оорукчан болуп калды, эки карындашы бар, эркектен жалгыз болгондуктан апасын таштап кете албады. Аида менен Алидасы чоңоюп окуп калганда оорудан көз жумду. Зымырат Жайлооканга күн көрсөтпөдү:

- Кара жолтой какшаал, балбалактап ыйлап жүрүп баламды жуттуң, салынды салбар!

- Эмне кылдым апа, ур-токмогуңа чыдаганымдан жүрөм…

- Чыдабасаң кет, баламдын көзү болбогондон кийин сенин мага эмне керегиң бар?

- Кетсе кетем эле, тоюп кеттим ушу жашоого! - деп кыркы боло электе эки кызын жетелеп алып, күйөөсү өлгөндө тели-теңтуштарынын берген акчасын алды да шаарга кете берди.

Алмагүлгө дагы барбады, шаарга келгенде эле аны турмуш чекесинен сылай койбоду, эки кызы менен батир жалдап киргени менен жумуш таппай кыйналды, же соодага ылайык акчасы жок. Күнүмдүк нан таап жеш, эки кызынын кардын тойгузуш өтө кыйын болду. Күркүрөгөн күз болгондуктан радиоузелден помидор тергенге жумуш таап, эки кызы менен дароо кете берди. Тестиер кыздары менен кечке чейин пияз, помидор терип бир топ күн иштешти. Колдору кесилип туурулуп абдан жүдөдү, алар менен бирге иштеп жүргөн Муса деген кырктардагы адам кээде Жайлооканга жардамдашып калчу. Жүрүп-жүрүп эле алар кантип бири-бирине көнүп кеткенин сезбей да калды. Түн катып жолуга калып жүрүп кош бойлуу болуп калды. Аргасыз экөө күздө чогулткан акчаларына батир жалдап жашап калышты. Жазга кыз төрөп үйдө отуруп калды, же үйлөнгөнү белгисиз, никелери жок, иштеген иши жок, бир аз тапса кызымтал болуп ичип алып келет.

- Сен бала менен мени кыйнай турган болдуң, же сүт жок, же нанга жетпейбиз, жакында батирден да чыгып калабыз го? - деп Жайлоокан ыйлап-сыктап кирди.

- Сен өзүңдүн кыздарың ачка болгонун айтасың го, мен баарыңды бага албайм, менин кызым ачка болбойт, эмгизип кой.

- Эмгизгенде эмчектен эчтеке чыкпайт экен, ал үчүн шорпо-шилең болбосо кайдан сүт чыгат?

- Эмне кылайын, жумуш жок, - деди Муса жер карап.

- Сен баланы бак, мен өзүм иштеп келейин.

- Сага эле иш жолдо туруптурбу?

- Издейм да.

- Башты оорутпачы, кыз-пызың менен ишим жок!

- Никесиз кызыбыз турат, эптеп молдого нике кыйдырсак болот эле.

- Нике кыйдырганда эле эмне өзгөрүп кетмек эле, төрө дедим беле, тийээри менен боюңа болтуруп алган өзүң, мага баланын кереги жок, каалаганыңды кыл! - деп Муса кетип калды.

- Акмак, убалым жетсин, баланын кусуру урсун! - деген Жайлоокан буркурап ыйлап жатканда Аида менен Алида эки жагынан чыгып:

- Апа ыйлабачы, бөбөгүбүздү өзүбүз багабыз, сен иштеп келесиң ээ, анан акча табасыз.

- Ооба, биз Аминаны карайбыз, - деп апасын сооротуп жатышты.

Жайлоокан кыздарын кучактап алмак-салмак өөп үнсүз көз жашын көлдөтүп турду. Жүрөгү сыздап оопасыз тагдырына кейип, али ак-караны тааный элек секелектеринин бактылуу балалыкты сезбей эмитен ойлогону акча табуу, кардын тойгузуу болгондуктан ичи сыйрылып турду. Акыры айласы куруганда эки кызын бир жерге отургузуп, өзү алардан өйдөрөөк отуруп алып кайыр сурамак болду. Ошентип батирине дагы, ичкен жегенине дагы таап оңуп калды. Ал балдары үчүн уятты да унутту, адегенде тааныгандардан корунуп уялып жүргөн, акыры турмуш аны баарына көндүрдү: "Күйөөрүм, калкалап алаарым болбосо кантем, пешенем ушул болсо көрбөскө аргам барбы?", - деп ойлонуп алды. Бир күнү базардан өтүп бараткан Муса аларды көрүп кечинде батирине келди.

- Эмнеге келдиң? - Жайлоокан аны босогодон киргизбей көкүрөккө түрттү, - Жогол, болбосо элди жардамга чакырам.

- Эмне, кызым үчүн келсем болбойбу?

- Сенин кызыңбы, мага кыздын кереги жок дебедиң беле?

- Ачуу келгенде айткамын да, же жумуш жок өзүм кыйналып жатсам акча тап, акча тап дейсиң, кечир эми Жайлоокан, эптеп оокат кылып кыздарым менен жашайлы, - деп Муса таптакыр болбой жалдырап туруп алды, - Эч кимим жок, кызым экөөңөрдөн башка менин күйөөрүм жок, Жайлоо.

- Ошону билет экенсиң, байкап сүйлөбөйт белең? - Жайлоокан жумшара сүйлөдү, - Никесиз төрөгөнүм аз келгенсип кайра кызым эмес деп күйгүзгөнүңчү.

- Кечир, эки бакыр, бир тукур болуп жашайлы, - деп башын жерге салып турган Мусаны Жайлоокан аргасыз ичке киргизди. Мурдагыдан жеген-ичкендери оңоло баштаган, дасторконунда баары бар, бир гана үйү жоктугу. Таң заардан эки кызын ээрчитип, Аминасын көтөрүп кызматка барчудай жөнөшөт. Мусага ишенип калган, өзү ээрчитип барып нике кыйдырып жашап жатышты. Муса алардын акчасына гана карап жашап жүргөнүн ал билбеди, эки жылдан кийин эми үй алганы турганда кокусунан түндөсү Муса каткан акчасын алып жолуна түшкөнүн эртеси билип сыздап жатты.

- Кудай гана бардыр акмак, атайын акча үчүн эле жүргөн тура, кудайдан жеткир!

- Апа, ал жаман киши экен, эми үй албай калабызбы? - деди Аида томсоро.

- Биз дагы иштеп табабыз апа, ыйлабачы апа! - деп Алидасы бир жагында.

- Садагаларым десе, кантейин эми, ушу силерди дагы окута албай калдым, мына бул жалаңкычтын атасына кайдан да жолуктум экен, - деп Аминаны жаман көзү менен карап ыйлаганына карабай отургузуп койду, негедир мурдатан эле ушул кызын ичинен жакшы көрчү эмес, куду атасына окшоштугун айтпа: "Ушуну төрөбөсөм да эки кызды оңой багып алат элем, атасынан жакшылык көрбөгөн ушундан көрмөк белем", - деп жаман көрө баштады. Өзүнүн жетим өскөнүн эстегенде жүрөгү сыздап алат да, жарым жашар кызын алдына алып керээлден кечке ары өткөн бери өткөндүн аягын санап отурат, суукта отура албай кээде чыкпай калат. Эки кызын аяйт, жаштайынан ысык-суукту көрүп калган Аида менен Алида тыкылдап тың болду. Эч нерседен тартынышпайт. Адамдарга карап экөө жалооруй акча сураганга абдан көнгөн, акчаны да жакшы санап калышкан.

- Апа, - деди Алида бир күнү, - Мен акчаны көп таптым бүгүн, мына, бул акчаны бир байке берди, - деп беш жүз сом карматты.

- Кудай жалгасын, бизге боору ооруса ага кудай берсин, - деди Жайлоокан ойлуу, - Биз дагы адам болоорбуз, силерди чоңойтуп алсам баары унутулаар, - Оор улутунуп алды.

- Апа, капаланбачы ээ, биз Алида экөөбүз сени эч качан капа кылбайбыз, - деп Аида апасын эки бетинен чоп-чоп эттире өөп койду.

- Садагаларым десе, менин кубаттарым, - деп экөөнү эки жагына алып өөп уктап жаткан Аминаны карап койду, - Амина чоңойсо эптеп акча жыйнап үй алып алсак, силерди жок дегенде тамга таанытып койсом…

- Апа, мен билем да, Алиданы мен үйрөтөм.

- Садагам десе, макул сиңдиңе үйрөт, - деп кечки тамакка камынып калды, Амина басып чала-була сүйлөп калган. Ал өтө тентек, эмитен өзүмчүл, кыялы чатак. Бала болсо да өз буюмун тааныгандан баштап эчтемесин карматпай чырылдап ыйлап калат. Эжелери көтөрүп сооротмок болсо чачынан жулуп бетин тытып чырылдап ыйлай берет. Убакыт өткөн сайын кыздары чоңоюп, кийим-кечеси менен батирине жетип эптеп жашап жатты, же соода жасаганга ылайыктуу акча чогулта албады. Аида он-он үч жашка чыкканда кайыр сурагандан тартынып чыкпай калышты, Амина такылдап чоңоюп калган, керээли кечке базардан жүгүрүп акча табат, Алида отуруп сурайт. Жайлоокан өзүнө ылайык жумуш издеп жүрүп пирожки бышырганга орношту. Ошол жерден бир адамга жолукту, ал дагы үйбүлөсүнөн ажырашкан. Айбек деген неме, базардагыларга товар жеткирип берип турчу.

- Жайлоокан, экөөбүз үйлөнүп алалы, - деди ал бир күнү, - Жалгыздык жаман экен, көптөн бери күнүмдүк жашоонун аракети менен өзүмдүн ким экенимди дагы унутуп бараткансыйм.

- Болбойт го, менин үч кызым бар, алардын кем-карчын толуктоом керек, жалгыз эмесмин да, сиз үчүн деле ушунча бүлөөнүн жүгүн алыш өтө кыйын болоор дейм.

- Экөөбүздүн көз карашыбыз түз болсо башкасы эч кеп эмес.

- Ошентсе дагы мен балалуу аялмын, сизге оор болуп калаар, балалуу өрдөк талпынса балапандар чуу болот, баласыз өрдөк талпынса жез канаты куу болот дегендей…

- Кам санаба, кыздарды экөөлөп тарбиялайбыз, сен мени түшүнсөң болду, - деп Айбек ага бир топ таттуу, аялдардын көңүлүн көтөрөөр сөздү айтып жүрүп көндүрдү. Айбек түрмөдөн чыгып келип иштеп жүргөн эле, ал киши өлтүрүп отуруп келген, үйбүлөсү түрмөдөн келгенче аны күтпөй аялы күйөөгө тийип кеткен, балдарын ала кеткен экен. Айылга барып жаңылыкты угуп чыдай албай шаарга баса берип иштеп жүргөндө Жайлоокан жолукту. Бирок Жайлоокан дагы адамдардан көңүлү калганга чын дили менен ишене бербеди. Турмуштун буркан-шаркан түшкөн шары аны кайрадан бир эркекке баш байлоого аргасыз кылды. Аида менен Алида апасына катуу таарынып сүйлөшпөй жүрүштү, Амина болсо Айбекти аталап көнүп кетти, кыздарына түшүндүрө албай Жайлоокан абдан кыйналды, Айбек аларга күндө таттууларды, тамак ашын алып келип жагынууга аракеттенет, ага карабай мурчуюшуп өздөрүнчө тамактанып апасын кекетип жүргөндө:

- Кыздарым, силер мени түшүнсөңөр боло, мен жалгыздыктан өтө кыйналдым, атаңар өлбөгөндө мындай болмок эмес, айла канча, минтип баспайм деген жолду басып, көрбөйм дегенди көрдүм, эми силер чоңойдуңар, - деди улутуна Жайлоокан.

- Күйөөгө тийбей эле койбойт белең, өзүбүз багат элек го? - деп Аида бултуң этти.

- Эмнеге күйөөгө тийесиз? Дагы төрөп алсаңыз кыйналасыз, Аминанын атасындай болуп таштап кетип калсачы? - деди Аида ыйламсырай, - Биз акча чогултуп үй алып алсак жакшы жашайт элек да.

- Кечиргиле садагаларым, Айбек андай эмес, ал бизди таштап кетпейт, - Жайлоокан кыздарына жалооруй карады, - Мени кечиресиңерби?

- Апа, кечирим сурабачы, - Аида апасын кучактап калды.

- Бизди кечириңизчи апа, - деп Алида дагы жанына келди.

- Мына, мен келдим, - деп Амина эшиктен кирип апасы менен эжелеринин кучакташып ыйлап турганын көрүп делдейе туруп калды, көптөн кийин, - Апа, эмнеге ыйлап жатасыңар? - деди суроолуу тигиле.

- Жөн эле кызым, кардың ачтыбы, жүргүлө бирдеме жасап ичели, - деп кыздарын колтуктай өйдө болду. Ошол күнү кечинде Айбек тамак-ашты толтуруп алып келди.

- Кана кыздарым, бүгүн апаңардын туулган күнү, майрамдайлыбы? - деп аларга жадырай карады.

- Оой, мен өзүмдүн туулган күнүмдү деле унутуп калыпмын, - деп Жайлоокан күлүп калды. Чынында отуздан оогуча бир да жолу туулган күнүн белгилеп көргөн эмес экен, же паспорту да жок, болгону туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бекем катып алып жүрчү, ошону Айбек көрүп калган экен. Торт менен бирге койдун этин алып келип өзү аш басмак болду.

- Кана кыздарым, силер мага жардам бересиңерби? - Айбек Аида менен Алиданы карады, - Бүгүн апаңды жумуш жасатпайбыз ээ? - Бири-бирин карап калган кыздар ушул ирээт Айбекке ыраазы боло карап кубанычтуу:

- Ооба, биз макулбуз! - деп жарыша айтты.

- Азамат кыздарым, анда ишке кириштикпи? - деп Айбек эт туурап кирди. Ошол күнү Жайлоокан өткөн күндөрүнүн ичинен дегеле кубанаарлык бир дагы күн болбогонун эстеп ыйлап турду, эч кимге айтылбаган, жүрөгүндө катып жашай берчү өкүнүчү, арманы күч эле. Элес-булас билет алты-жети жашта экенинде атасы таң эрте туруп алып уйкуда жатканда кытыгылап ойготуп алып: "Кызым, туулган күнүң менен, ар бир күнүң жаңы аткан таңдай бейкут, таптаза болсун, сен кызым бактылуулардын бактылуусу болосуң, тура гой кызым", - деп ой боюна койбой көтөрүп чыгып дасторконго алып келип апасы даярдаган таңкы тамакты ичишкен эле. Ошол жылы эле атасы өлдү, кийинки жылы апасы оорубай туруп өтүп кете берди, бала эмеспи ата-энесинин кандайча өлгөнүн деле билбеди…

- Апа, тамак даяр! - деп Аида кирип бетинен өптү, - Туулган күнүң менен апа!

- Рахмат садагам, - Күлүмсүрөй көз жашын аарчыды.

- Кана-кана, төргө отур апасы, - Айбек дагы кирип келип Жайлооканды өөп күлө карады, - Бүгүн сени абдан сыйлайбыз, эртеңден баштап кайра өз кызматыңа өтөсүң.

- Рахмат Айбек, менин ата-энемди эсиме салдың, сен болбосоң бүгүн менин туулган күнүм экенин эсиме түшмөк эмес.

- Буйруса мындан ары ар жылы майрамдай турган болобуз ээ кыздарым? - деп Айбек кыздарга карады, - Апаң бүгүн отуз бирге гана чыкты, - деди да табакка үймө кылып плов көтөрүп келип ортого койду.

- Рахмат-рахмат, бүгүн бир төргө отуруп калайын.

Аз да болсо бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп кубанып отурду, анын көз алдында дале ата-энеси, балалык чагы, таежесинин уу сөздөрү, анын балдарынын уруп кордогону эсинен кетпейт. Айбек Жайлоокан менен чын дили менен жашоого бел байлаган эле, аны сезип туруп сезмексен болуп: "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет", - болуп күдүк ойдон чыга албай жүрдү. Мусадан айрымасы жумушу бар, чоң жумуш болбосо да ар бир кафелерге ич май ташып берип сооданын көзүн таап алган. Аида чоңойгон сайын ойсоңдогон кыз болду, кээде Аида бир жигит менен бир бурчта сүйлөшүп турса Алидасы бир жагында турчу болду. Айбек жокто Жайлоокан эки кызына минтти:

- Чоңоюп мени азап-шордон куткарат десем силер кайра түйшүккө сала турган болдуңар.

- Апа, бизди эми ойлобой эле жата берчи, биз эми чоңойдук, өзүң айткандай биз эмнени көрдүк? Эми биз ойноп күлөбүз да.

- Акыры өз бактыбызды табабыз, - деп экөө тең кебин уккусу келбей ичкери кирип кетти.

- Кудайым ай, бул азапты көргөнчө ата-энем өлгөндө неге өлбөдүм, кыздарым эстүү чоңоюп менин оорумду колдон алат экен деп ойлодум эле, - деп Жайлоокан көз жашын сыгып алып үйгө кирди, дагы деле жаман айтпады, Амина болсо сегизге карап тыкылдап калган. Баягыдай кайыр сурашпайт. Айбек менен Жайлоокан иштеп, Аида бир кафеге официантка болуп иштеп калды. Он үч жашар Алида менен Амина үйдө калат, жаш болсо да бою узун болуп өскөн Алида өтө шок, балдар менен таанышып сүйлөшүп тура берет. Ошол күнү дагы Алида бир жигит менен турган, ээрчишип келе жаткан Айбек менен Жайлоокан аны көрүп калышты.

- Алида, бас үйгө кир! - деди Жайлоокан.

- Азыр апа.

- Бол дейм.

- Азыр деп жатам го-о? - деп тултуңдай бери басты, - Эмне болот экен эми, жөн эле сүйлөшүп турам го?

- Сен али жашсың, балдар менен турганга болбойт.

- Эмне болмок эле…

- Уят болот кызым, балдар деген азыр жаман.

- Кереги жок, ушу силердин жапайы сөздөрүңөрдөн тажадым, азыр жыйырма биринчи кылым апа, мен каалаганымдай жашап, каалаганымдай басып көңүл ачуум керек!

- Андай болсо сен дагы эртең мени менен ишке чык, мага жардамчы керек болуп жатат, башканы алгыча сени иштетейин, өз кийим-кечеңе жарап калат, - деди Жайлоокан жөн салды гана, ал Айбектен уялды, кызынын айткан сөздөрү анын жан дүйнөсүн мыжыгып, жүрөгү зыркырап турса дагы сыртынан кенебегендей абалда токтоо сүйлөдү.

- Иштебейм.

- Эмнеге? - Жайлоокан кызын алая карады, - Аида экөөңөр мени багам дечү элеңер го, эми эмне болду, кызым?

- Айбек байке багат да сизди.

- Алида, эсиңе кел кызым, сени кечки мектепке сүйлөшүп жатам, сен окуйсуң, адам болосуң, - Жайлоокан Алиданы жакшы айтып ийге келтирмек болду.

- Мен окуй алам, Аида эжем үйрөткөн, акча санайм, гезит-журнал окуйм, башка эмне керек?

- Документ керек, кызым.

- Койчу апа, азыр акчаң болсо соода кылып жашаса болот, мага андай документтин кереги жок!

- Эмне болуп жатасыңар? - деп Аида кирди.

- Эчтеке болгон жок кызым, ишиң кандай?

- Эң сонун.

- Ошондой эле болсун, - деп Жайлоокан ичтен сыза улутунуп алды.

- Кабатыр болбочу Жакин, кыздарыбыз эстүү, кудай буйруса баары жакшы болот, - Айбек Жайлооканды тынчтандырды, - Андан көрө тамак жаса, байбиче.

- Азыр, мен жасай коем, апам кечке чарчады, - деп Аида тура калып өзү киришкенде Алида ага жардам берип кирди, бир бөлмө батирде туруп Айбек өзүнчө ойлонуп алды, ал үй алганга деле кудурети жетип калган, иши жакшы, Жайлоокан андан акча сурабайт, экөө мечитке барып нике кыйдырып анан чоң бөлмө алып кетишмек болду. Бардык шарты бар эки бөлмө үйгө кирип жашап калышканда Аида бир аз эсине киргенсип токтоло түштү. Алиданы да апасы жокто түшүндүрүп апасына жардам берүүгө сүйлөшүштү.

- Мага апамдын күйөөгө тийгени жакпайт, - деди Алида эжесине.

- Айбек байке жакшы адам турбайбы, көрдүңбү бизге жардам берип жатат, биз кайыр сурабай калдык, биз апамды уят кылбай жакшы жүрүшүбүз керек, Амина азыр жаш.

- Ооба, туура айтасың эжеке.

- Сен экөөбүз апамды колдобосок ким колдойт?

- Туура, биз апамды угушубуз керек, - деп экөө сүйлөшүп отурушту.

Аида жумушунда иштеп жүрүп Азиз менен таанышып калды, ал кызды чын жүрөгү менен сүйдү, бирок аялы менен бир кызы бар эле, эмне кылаарын билбеди. Айбек Жайлоокан менен ынтымактуу жашап, анын өтө жумшак, боорукер, көп сүйлөбөгөн, ушак-айың менен иши болбогон аялды сыйлап өз жан дүйнөсүнөн орун берип түбөлүк бирге жашоого ишеним менен кадам таштады, алар жумушка эрте кетип кечинде бирге кайтышат.

- Жакин, сен мага жолукканыңа нааразы эмессиңби? - деди бир кечте колтуктап келе жатып.

- Жо-ок, эмнеге антип сурадың?

- Деги да, сени кыйнап койбодум бекен дейм да.

- Эч кандай кыйналганым жок, бу тагдыр деген кызык тура, кээде ойлобогон нерсе болуп кетет экен, - деди Жайлоокан ойлуу.

- Кайгырба Жакин, мындан ары биз жакшы жашайбыз, эмки жумада акчамды топтосом үй алалы ээ?

- Менин кошо турган акчам жок да, Айбек.

- Кереги жок, сен менин жанымда болсоң болду, - Айбек аны өзүнө тарта кысып койду.

- Рахмат сага, үч кызыма карабай туруп жүк көтөрүүгө баш байладың, менимче баардык эле эркек сенчелик кадамга бармак эмес, ыраазымын сага, - деп күйөөсүнө башын жөлөп жылмайып алды.

- Мен сени жактырдым, көңүлүмдөгү аял сенсиң, экөөбүз бул дүйнөнүн кайыгын чогуу айдайбыз, сени эч нерседен кем кылбай багып алам, жаным, - Экөө жай басып аялдамага келишип андан өтүп аркы өйүздөгү кабат үйлөрдү көздөй жөнөштү. Жайлоокан ошол кезде кош бойлуу экенин сезбеди, анткени ал эч бир талгак болгонун да билчү эмес, качан гана ичи кыймылдаганда сезип калчу. Алар ээрчише киргенде Аида тамак жасап, Алида сиңдисине арип үйрөтүп жаткан.

- Кызым, бүгүн эрте келдиңби? - Жайлоокан Аиданы көрүп эле суроо узатты.

- Ооба апа, эрте чыктым, чарчадыңыздарбы?

- Чарчадык кызым, мен жуунуп чыга калайын.

- Ооба, сергип каласыз, тамак дагы даяр, Айбек байке дагы жуунуп алсын, мен дасторкон даярдай берейин.

- Каралдым десе, менин атам да, энем да силерсиңер берекем, өзүңөргө тың болсоңор эле болду, кудай бак берсин, - Жайлоокан ваннага кирип кетти. Айбек андан кийин жуунуп чыкты, чогуу отуруп тамактанып отурганда:

- Ата, мага шоколад алып келген жоксуңбу? - деп калды Амина.

- Аа-а, мен таптакыр унуткан турбайынбы, - Айбек күлө чөнтөгүнөн жыйырма сом алып чыгып берди, - Эртең өзүң алып же ээ?

- Ооба, атам жакшы.

- Байке, мындан ары бербеңиз, мен сабак окутайын десем көңүл бурбайт, - Алида күлө карады.

- Анда мага эртең жакшылап санап, тамгаларды айтып бербесең шоколад жок, жарайбы?

- Макул, мен окуйм эле, тамганы таанып калбадымбы? - Амина моюн бербей тамакка кашык салды.

- Күбөлүгү жок кандай кылам билбейм, Аида экинчи класс боюнча окубай калды, Алиданы болсо окута албадым, эми мунун күбөлүгү жок, - Жайлоокан телмире ойлонуп калды.

- Төрөлгөндөгү справкасы барбы?

- Бар, бирок менин паспортум жок да.

- Сага паспорт алабыз да Аминаны өзүмө жаздырып коем, эч кам санаба, - Айбек Жайлоокандын көңүлүн жубата далыга таптап койду, - Эми биз бир үйбүлөбүз, турмуштун ачуу-таттуусун биргелешип татып, оор-жеңилби бир арабаны чогуу тартабыз, муңайба Жакин.

- Айбек байке, сиз жакшы адам экенсиз, апамды ыйлатпасаңыз эле болду, - Аида чоң адамдай ойлуу экөөнү карады, - Атам өлгөндөн кийин апам аябай кыйналды…

- Ойлонбо кызым, апаңды бактылуу кылам буйруса, силер бойго жетип турмуш куруп өз-өзүңөрчө кетесиңер, бактылуу болсоңор биз дагы кубанып калабыз.

Ошентип мамыр-жумуру болуп сүйлөшүп ата-баладай отуруп кеч жатышты. Жайлоокан бала болуп бул күндөгүдөй жашоого кенен карап, өмүрдүн кызык экенин эми гана сезгендей болду, чекесинен сылап бирөө жакшы сөз айтпаган, Жакып бир аз боор тартып сүйөм-күйөм деп айтпаса дагы, андан жаман сөз уккан жок, бирок аялдык назик туюму бир нерсени эңсегендей, күткөндөй болчу, ал эмне экенин өзү дагы түшүнчү эмес. Эми гана Айбек өзүн эркелетип жан-дили менен берилип өөп-жыттап, төшөк ичинде жакшы сөзүн арнап делебесин козгоп жатканда сезди, табиятынан назик сезим аялдарга эркектин кумарлуу кучагы менен жылуу сөзү керек экенин. Бүт денесин бош таштап дүйнө аңтарылып келе жатса дагы магдыратып турган махабат деминен ажырагысы келбей көзүн жума көз ирмемдик бактыга магдырап турду.

- Жакин, мен негедир сени сүйүп баратат окшойм.

- Чынбы? - деди эркектин коңур үнүнө жооп кылып шыбыраган назик үн, - Ырас айтасыңбы?

- Чын сөзүм, өмүрүмдө аял сүйүп көрбөсөм керек.

- Кантип эле, аялыңчы?

- Биз капысынан үйлөнүп калганбыз.

- Канча балаңар бар?

- Үч эркек, бир кыз.

- Төрт бала менен күтпөй кетип калыптырбы?

- Ооба, менден таптакыр түңүлсө керек да, он эки жыл оңой эмес экен да-а, - Айбек оор күрсүнүп алды.

- Баары өттү-кетти, кайгырганда не…

- Туура, улуу балам эмдигиче үйлөнгөндүр.

- Аманчылык болсо жолугушасыңар, бири-бириңерди кечиришесиңер, ата-бала болуп ынтымакка келесиңер.

- Мен дагы ошентип ойлойм Жакин, адегенде үйлүү-жайлуу болуп адамча жашоого келип алалы, анан өзүм бир кабар алам.

- Ошент, колумдан келсе кош колдоп болгон жардамымды берээр элем, тапканым күнүмдүк оокат-аштан чыкпайт, дагы сен барсың, болбосо кантээр элем, - деп эрди-катын коюу караңгылыкта төшөктө бири-бирине ыктай сүйлөшүп жатышты.

- Сенин жардамың ушул, мени жалгызсыратпай бүт тулкуңду мага арнап, денемдин жарымы болуп бергениң жетет.

- Ыраазымын.

- Жаным десе, айкөл-момун аялсың, мага сени кезиктирген жаратканга ыраазымын, - Экөө бири-бирине бойлошо кучакташып жатып уктап кеткендерин да сезбей калышты. Алар бейкут жашоону элестетип бири-бирин толуктап эрди-зайып болуп жашагандарына ыраазы болгондой керемет уйкунун кучагына сүңгүгөндө, Аида ал түндө уйкусуз төшөгүндө ооналактап жатты. Ал Азизди чын жүрөгү, балапан сезими менен сүйүп калганын сезбеди, тек көз алдынан аны кетире албай ойгоо жатты: "Азиз мени ойлойт болду бекен, балким ал мени жаш деп аяп жатса керек, мен аны сүйөмбү же жөн эле өтүп кетчү сезимби", - деп ойлоно берип уйкусу келбеди. Эртеси жумушуна барып эми гана кирген кардардан заказ алып жатканда Азиз маңдайынан чыкты, колунда жаңы гана ачылып келе жаткан роза гүлү:

- Аида, кандай иштериң? - деди күлүмсүрөй.

- Жакшы, - Кыз жүрөгү түрсүл кагып жал-жал карады.

- Бул сага, - Азиз гүлдү сунуп жылмайып туруп калды.

- Магабы? Неге, байке? - Кыз көздөрүн жалжылдата туруп калды.

- Ооба сага, кыз жүрөгү гүлдөй назик, пакиза болот эмеспи, чын дилим менен сага гүл белек кылгым келди, Аида.

- Рахмат сизге? - Аида гүлдү колуна алып, кумарлуу жыттап койду, - Рахмат Азиз байке, мен жумушумду аткарышым керек.

- Бир аз токтой тур, кечинде концертке билет алып койдум, барып келели…

- Анан, ойлоноюнчу байке, кардарлар күтүп калды, шеф көрсө жумуштан чыгарып коет, - деп шыпылдай ары басты.

Азиз жыйырма төрттө, ал Айбектин тун уулу, бир кызы менен аялы айылда. Апасы оорукчан болгондуктан таштап өзү шаарга иштеп келген. Ал атасынын түрмөдөн келгенин билген, бирок жолуккан эмес, азыр көрсө аны таанымак эмес, анын үстүнө ал атасын өмүр бою кечирбейм дечү оюнда. Бири-бирин билбеген ата-бала бир эле калаада, бир эле убакта бир базарда жүрүшкөн менен бири-бирин билишпейт. Баягы өзү кеткенде эштеңдеген седиреңдеген тогуз-он жаштагы баласынын кыл мурут гана болгонун, баланын атасы болгонун туюп-сезгени менен анын жанында гана жүргөнүн, кээде карама-каршы кайчылаш өтүп жүргөнүн Айбек да билбеди. Аларды эми тагдыр таңгалыштуу окуя гана кездештирээрин оюна да албады. Ал балдарына бир барып келүүнү парз деп жүрүп убакыт өтө берди.

Аида менен Азиз бири-биринен ажырагыс болуп сүйүшүп калган кез. Бир күнү экөө кечки сейил бакта отурганда Азиз ага чындыкты айтууну эп көрдү, эгерде кыз жүрөгү кечире алса аны менен түбөлүк калууну ойлоп турган.

- Аида, мен сага бир чындыкты айтып коюум керек, - Азиз кыздын колунан кармалап көздөрүнө тигиле ойлуу туруп калды.

- Кандай чындык, сен мени алдап жүрдүң беле? - Аида чоочуркаган, бир нерседен корккон элик сымал эле анын түрү.

- Ооба, Аида.

- Айтчы, эмне деп алдадың эле?

- Аида, мен сени сүйөм…

- Ошолбу? - Кыз сүйүнүчтүү карады.

- Жок, дагы бир нерсе, мен сени сүйүп калдым, бирок… бирок менин үйбүлөм бар, Аида.

- Эмнэ-э? - Кыздын жүзү бозоро түштү, - Азиз, сен мени сынап жатасың ээ, андай эмес деп койчу кудай жалгагыр, жалган айтасың ээ?

- Чын Аида, эгерде сен макул десең мен ажырашам да сени менен үйлөнөм, - Азиз кыздын көздөрүнө тигиле эки карыдан алып өзүнө каратты, Аида дендароо болуп саамга турду да жигиттин колун силкип жиберип ордунан туруп бак аралай эчкирип ыйлап кетип баратты, Азиз анын артынан жүгүрүп жөнөдү, - Аида, токточу бай болгур, токто!

- Мен сени жек көрөм, жек көрөм! - Аида эки колу менен көз жашын аарчый артына карап ушинтти да кайра жүгүрүп кетти. Азиз калып калды, Аида күүгүмдө ыйлап батирине келди да сыртта басып жүрдү, ыйлагандан көздөрү кызарып шишип чыккан, өзүнүн ушул абалын апасына көрсөткүсү келбей жүрө берди. Жайлоокан Аиданын кийинки кездери жумуштан кеч калып жүргөнүнө күмөн санап жүрөгү кыжаалат болчу болду: "Бул кыз неге мынча кеч калып жүрөт, бир балээге кабылбаса экен, кудайым шерменде кыла көрбө", - деп ойлонуп тамактанып кыздарын жаткыргандан кийин сыртка чыгып эки жакты карамак болду. Эне жүрөгү тынчсыздана бергенинен отура албады, ал биринчи кабатка түшкөндө алдынан Аида кирип келе жатканын көрдү:

- Кызым, эмне мынча кеч калдың?

- Апа, жумуш көп, загатовкага жардам бердим.

- Кечиккениңден карап чыктым эле, азыр заман башка, кызым.

- Бир аз кечиккенден эч нерсе деле болбойт, жумушта шефтин сөзүн укпасаң да болбойт, кайра дагы жумуш издеп жүрмөк белем?

- Мейли эми, ошентсе да коркот экенсиң, өзүң али жаш болсоң, түн кирип кетпедиби.

- Кайдагы жаш апа, мен деген он алтыга чыгып калбадымбы? - Аида үңүрөйө карады апасын.

- Кызым, сен сексенде болсоң да мен үчүн баласың, - Алар сүйлөшүп үчүнчү кабатка жетип келишти, - Кардың кандай?

- Ток эле апа, мен эс алайын, эрте туруп кетем, - Аида апасына көзүнүн шишигенин байкатпас үчүн өздөрү жаткан бөлмөгө кирип кетти, анын жаш жүрөгү ансыз да жараланып, сайгылашып жаткан. Бирөөнү сүйүп же сүйдүрүп көрбөгөн Жайлоокан кызынын жүрөгүндө кандай бороон улуп, сел жүргөндөй ар бир жүрөк толтосунда сай-сайлап кан сызылып жатканын кайдан билсин. Үндөбөй күйөөсүнүн жанына кирди.

- Аида келдиби?

- Ооба, иши оор болсо керек, - Чечинип жата кетти.

- Жаштар эмгек кылып көнгөнү жакшы.

- Аның туура, аны көрүп канатым кайрылып, жүрөгүм сыздап жатпайбы? - Улутунуп алды.

- Капаланба, баары жай-жайына келет, - деп имере кучактап өөп кучагына кысты, - Алтыным, убайымчыл болбо, өзүңдү-өзүң кыйнаганың болбойт.

- Сенин жанымда болгонуң кандай жакшы, капаланып кайгырсам көңүлүмдү жубатаарым сенсиң, болбосо мен курумак экенмин, - Жайлоокан наздуу эркелей эринин төшүнө башын катты, - Сенин бар экениңе тобо-о, менин дагы бир адамга керегим бар тура, - Акыркы сөздөрүн мууна зорго айтты, - Мен да бирөөгө керек экенмин, - Шыбырай унчукпай калды.

- Сен мага өмүрүмдүн аягына чейин керексиң алтыным, биз бактылуу жашайбыз, - деп Айбек келинди чекесинен өөп бооруна кысты.

- Мен сага бир нерсе айтмакмын, бирок кандай кабыл алаарыңды билбейм…

- Ал эмне сөз экен?

- Менин боюмда бар экен, качан гана кыймылдаганда билдим.

- Ыраспы? - Айбек жаткан жеринен туруп отура калды дагы Жайлооканды эки карысынан алды, - Чын айтасыңбы, Жакин?

- Калп айтып башыма эмне күч келди дейсиң.

- Алтыным, ардагым менин, ыраазымын сага, ушунча жылдан кийин кайрадан бала жытын искете турган болдуң, андай болсо сен иштебе, үйдө гана отур, кыйналып каласың, - деп Айбек аялын жан алы калбай өпкүлөп жатты.

- Болду эми, мен сенин мынчалык кубанаарыңды билген эмесмин, - Жайлоокан күлө карады.

- Эмнеге, үйбүлөнү бекемдеген данакер бала да, мен кубанганымдан ыйлап ийбей зорго токтободумбу, - деп Айбек күлүп калды, - Чынымды айтсам сени төрөп бер деп айтууга оозум барбай жүрдү эле.

- Эмнеге?

- Ансыз да кыздарды көп ойлонуп жүрөсүң, кайра убайымга салбайын деп жүргөндө күтүлбөгөн кубаныч болуп жатпайбы?

- Рахмат, балдары бар болсо, ашыкча жүк деп айтабы, эгерде андай десе алдырып коеюн деп ойлоп жаттым эле.

- Кой антпе жаным, бул менин картайгандагы эрмегим болот да уулбу, кызбы баары бир алтыным, мага аман-эсен төрөп бер, - Экөө дагы көпкө чейин сүйлөшүп жатышты…

***

Сейил күйөөсү Айбек кокусунан киши өлтүрдү деп камалып кеткенден кийин анын үйүнө бекерпоздор, өлгөн баланын инилери келип тынчтык бербеди. Айбектин эки иниси, бир агасы бар, бирок алар арачаламак тургай баш багып келишпеди. Канкордун үйбүлөсү деп балдарын кордоп жиберишти.

Айбектин киши өлтүргөнү мындай болгон эле… Алтынбек менен Айбек теңтуштардан болчу. Сейил менен Алтынбек сүйлөшүп жүрүп, анан Алтынбек аскерге кетет. Айбек ооруп калып барбай калган, кийинки жылы аны үйлөнтмөк болуп атасы ушул Сейилдин атасы менен теңтуш болгондуктан өзү барып куда түшүп ич арадан калың берип анан келин кылып алган. Аскерден келген Алтынбек бир күнү Айбек менен жолугушуп калды.

- Айбек, үйлөндү деп уктум? - деди саал кекээр үн менен.

- Үйлөндүм, андан көрө чогуу үйгө баргыла, - деди Айбек.

- Менин эми, сени менен дос эмес касым катары сүйлөшөөрүмдү билип кой! - деп керсейе басып кетти Алтынбек.

- Алтынбек, ал эмне дегениң, бир кыз үчүн ушунчалыкка барабызбы? - Айбек жетип Алтынбекти карыдан алды, - Мен эмес, атам болбой алып берди, Сейил макул болбой койбойт беле?

- Ата-энеси кылгандыр.

- Койсоңчу, сени сүйгөн болсо ал макул болмок эмес.

- Аргасыз кылдыңар да!

- Кеч эмес, эгер сүйсөң азыр дагы алып кете бер! - деп экөө тирелише урушмак болуп калганда аларды көргөн эки теңтушу ажыратып койду.

Бул кезде Сейил уулун көтөрөп алган. Айбек дүкөнгө келип арактан ичип мас болуп алды үйүнө күүгүмдө келди:

- Сен эмне, ичип алдыңбы? - деген аялынын колун түртүп жиберди.

- Баары сен үчүн, эмнеге мага тийдиң?! - Ыргалып босогодон кирбей туруп алганда атасы үйдөн чыга калды.

- Ок ат-таңдын ооз-зугайын десе!

- Эмне, менин күнөөм кайсы, досумдун кызын аласың деп сен да күнөөлүүсүң билдиңби? Мына бул үчүн мен досумдан айрылдым, өмүр бою кас болуп калдык, - деди башын жерге сала.

- Кир үйгө, айта берет, али алдыда далай күндөр бар, эмеле табышып аласыңар, - деп Үсөнбай баласын ичкери киргизип жаткырып койду, Сейил баласын кучактап ыйлап жатты, эгерде ата-энеси болбосо жаштар уруш-талаш болуп жаңжал ырбайт беле, ошол бойдон Айбек уктап калды. Эртеси эрте туруп кетип калды. Бирге ойноп, бирге окуп чоңойгон достор ошентип бири отурган жерде бири болбой калды. Бет келишкен жерде экөө сөгүшүп, аягы мушташ менен бүтөт. Айбек ичип туруп алды, баласын да жакшылап карабай калды, Сейилге дулдуюп сүйлөбөйт. Билинбей убакыт өтүп Алтынбек дагы үйлөнүп турмуш көчү улана берди. Достору чогулуп Айбек менен Алтынбекти табыштырмак болду, аларды күчтөп алып келип адегенде Алтынбекти Айбектен кечирим суратмак болушуп ортого алышты:

- Алтынбек, сенде дагы күнөө бар, экөөңөр тең бири-бириңден кечирим сурагыла, биз башынан бирге өскөн дос-жоролорбуз, минтип жүргөнүңөр болбойт, - деди Нурдин аларды карай.

- Туура айтат Нурдин, эми бала эмеспиз, баарыбыз үйбүлөлүүбүз, кечиримдүү болгула достор.

- Кана кол алышып бири-бириңерди кучактап кечиришкиле, - деп жаалап калышты.

- Мен, - деди ошондо Айбек жолдошторун кыдыра карап, - Мен чынында өзүмдү Алтынбектин алдында күнөөлүү деп эсептебейм, анткени ошол учурда, же андан кийин бириңер айттыңар беле?

- Жок-жок, - дешти баары бир ооздон, - Биз деле билбептирбиз.

- Эгерде мурда-кийин уксам Сейилге үйлөнмөк эмесмин, мен аны сүйүп же ала качам деп жүгүргөнүм жок, тагдыр экен баш кошуп калдык…

- Айбек, - деди Алтынбек, - Айтканың туура, мен Сейил менен эч кимиңерге айтпай сүйлөшүп жүрчүмүн, экөөбүз жолугушуп турчубуз, абдан сүйчүмүн, ичтеги ызам тарай электе жолугушуп калып менден күнөө кетти, кечир Айбек, силер дагы бактылуу болгула! - деди колун суна.

- Азамат Алтынбек, сен жигиттик кылып өз айбыңды мойнуңа алдың, кана эми, кол алышкыла! - деп экөөнү бири-бирине жакындатып түртүп келишти:

- Кучакташкыла эмесе!

- Азамат, достор деген ушундай болуш керек.

- Алтынбек, Айбек азамат достор! - деп аларды кучакташтырып бир куюмдан арак сунду, - Кана, ачуу болсо дагы таттуулатууга себепкер болсун! - дуулдашып чогуу ортодогу салынган даамга тегеректеп отурушту.

Ортодон жогору кызуу болуп калганда Алтынбек Айбекти жонго таптай кычылана сүйлөдү:

- Кантсе дагы Сейилди эң биринчи өпкөн мен элем да, - Арсактап күлүп калды.

- Алтынбек, мындай сөзүңдү токтот! - деди Айбек.

- Токтотпосо эмне кыласың, ал тургай жылаңач денесин көрүп туруп аяп койгомун, - дегенде Айбек аны бир муштады, мурду канап ордунан тура калып Алтынбек Айбекти тээп жиберди, баятан бери аларды табыштырмак болуп отурган төрт-бешөө тура калышып экөөнү ажыратып эки жакка алып кетти.

- Сени бул сөзүң үчүн өмүрү кечирбеймин, эми мен сенин аянгыс душманыңа айландым! - деп Айбек жулунуп жатты.

- Мен сени кечир деп эч качан суранбайм, душман болсо душманмын! - деп Алтынбек кыйкырып экөө эки жакта жетекте кетип жатты. Ошондон көп өтпөй эле Алтынбек аялы менен шаарга кеткенин угуп калды Айбек. Аялына эчтеке дебеди, болгону көңүлсүз болуп кээде ичип келип, болбосо өзүнчө жатып алып көпкө кекетти. Ата-энеси аларды саксактап турушат, Сейил экинчи, үчүнчү уулун төрөп алды, билинбей болгон нерселер унутулуп баратканда атасы дүйнө салды. Убакыт деген желип жорткон айдарым желдей билинбей өтө берип Сейил үч уулдан кийин кыз төрөп алды. Айбек өткөндү унутуп тынч жашоого бет алган кези эле, Алтынбек шаардан келип бир баласын отургузуп той берип калды, ага достору Айбекти жүрү дешкенде болбоду. Бирок Алтынбек өзү келди ага:

- Айбек, көпкөн балалык кез өттү, эми биз балдардын атасыбыз, мен сенин алдыңа өзүм келдим, жүрү үйгө, - деди болбой.

- Жо-ок Алтынбек, дос да, кас да эмеспиз, бирок биз эми эч качан бир жерде боло албайбыз, - деп Айбек моюн толгогонуна Алтынбек болбоду.

- Сен мени кечире албадыңбы Айбек, анда аскерден жаңы келип кө-өп турган кезим экен, кийин ойлонуп өзүмдүн айтканыма өзүм уялып жүрдүм, кечир мени досум, - деп кучагын жая ээрчитип алып кетти. Тагдыр дегениң табышмак нерсе эмеспи, алды жагын көрө билсе экөө тең сактанышат беле? Бирок ажалы жетип калганбы, Алтынбек ой-боюна койбой Айбекти ээрчитип кетти. Алар баланы отургузган ошол чоң тойдо күпүлдөп жакшы эле отурушкан, тойдун уландысын достор чогулуп өздөрүнчө сыртка чыгып бак ичине отурушту. Айбек бир нерсени сезгендей Нурдинге:

- Мен кете берейин, Алтынбек өтө кызып калды, - деди.

- Эчтеке болбойт, жакшы эле болуп калдыңар го?

- Ал дагы кычыланышы мүмкүн.

- Жо-ок, аялы менен ата-энеси турбайбы?

- Билбейм Нурдин, жүрөгүм кыжаалат болуп жатам.

- Эч жаман ойлобо дос, чогуу тарайбыз, - деп Нурдин болбой койгондо унчукпай калды. Кайрадан алдыларына тамак келип, арак алып келгенде бакылдашып отуруп улам алып отурушкан, бир кезде Алтынбек Айбекке карап тишин кычырата:

- Айбек, аялыңды алып кел, менин аялым менен тааныштырайын, - деди.

- Ма-акул-макул, - Айбек сактана күлүп калды.

- Туура, эми бала эмессиңер, баарыбыз аялдарыбыз менен катышып тура турган жашыкка келдик, - дешти беркилер.

- Жо-ок, - Алтынбек сөөмөйүн чычайта Айбекти карады, - Сен Сейилди кызганасың го, кызыганда илгеркини эстеп өөп койсомчу? - деди кычылана.

- Алтынбек, ушу сага Сейилди киргизип берип койбоюн, сенин аялыңды мен алып кетем, эркек болсоң сөзүңдү сакта! - деди Айбек муштумун түйө, - Мен мындай акмакчылыкка чыдай албайм, кетемин, - деп туруп кетээрде Алтынбек кайра:

- Сейилдин энесинен кийин эле мен өпкөм, ал чындык, байкуш ал деле унуталбай жүргөн чыгаар, - деп каткырды, - Бир эле көрсөм болот эле.

- Эн-неңди акмак! - Айбек эки жагын карана бир нерсени издегени менен таппай калды, - Түү, сен эркек эмессиң, катынча сүйлөгөн акмак!

- Ким акмак? Бирок өөп, жылаңач денесин алгач көрүп сылап жүргөн аялды алып кыйын болуп жатасыңбы, атасынын багында далай жаткам Сейил менен! - дегенде Айбек эч кимисине ээ бербей жетип барып өпкө жүрөк тушуна тээп-тээп туруп, эс ала электе муунтуп, бир колу менен башка, кулакка койгулап жатты, аны ажырата албай ала-гүү болгон достору улам бири жыгылып туруп алы келбей жатканда колдорунун карышканын ары жактан бири келип бошотту.

- Өлтүрөсүң, кандай немесиң? - деп аны карап жулкулдатып жатканда Айбек үйүнө келди. Анын артынан эч ким келген жок, ал оюнда ошол жини менен Сейилди да биротоло өлтүрмөк болуп келген, Сейилди апасы ооруп жатат деп атасы чакыртып кеткен. Алтынбекти эс алдыра албай ооруканага алып барышты, анын кабыргасы сынып өпкөгө кирип кеткендиктен ал түнү бою эсине келе албай онтоп жатып таңга маал үзүлүп кете берди. Ал кезде Айбек эшигинин алдында басып жүрүп акыры өз эрки менен милицияга барууну чечип айылдык участковыйдын маңдайында отурган. Таң эрте Алтынбектин инилери атчан таяк көтөрүп келип жалгыз кемпир менен жаш балдарды көрүп ага-инисине кеткенде Алтынбектин атасы өзү барып балдарын тыйды.

- Силер тынч болгула балдарым, өлөөр бала өлдү, эми аны жайына коюшубуз керек, акылдан азып бири-бириңерге жоо болуп жүрбөгүлө, жүз жылдап ата-бабаларым жашаган жерде бири-бирибизге жоо болбойлу. Айбекти өкмөт, анан кудай жазаласын, тынч болгула.

- Эмне агамды өлтүрүп койсо биз карап отура беребизби?

- Болду, чамынганыңды токтот, баламдын жаны тынч жатсын, булардын өз ара арыздашып жүргөнүн билем, тилди да тыя жүргөн жакшы балдарым, - деп туюгунан сүйлөдү. Анткени ал бул араздашуунун четин угуп калган эле, - Аял азгырыктын арты ушундай бүтөөрүн билем балдар…

- Ал кандайча? - Кичүү уулу атасын суроолуу карады.

- Аны мен да, силер да билбейсиңер, ооздон жаңылган турбайт, буттан жаңылган тура-ат балдарым, кана өлүк камын көрөлү, - деп сакалы ылдый жашы куюлуп отурганда милиция келип калды. Ага арызды жазып, күбө досторунун да аты-жөндөрүн жазып берген эле Айбек. Ошентип аны он эки жылга кесип жиберди. Жолугушууга келген аялына Айбек жолукпай койду, ал ыйлаган бойдон үйүнө келип булкулдап ыйлап жатты. Айбектин карыган энеси бул кайгыны көтөрө албай ооруп жатып калып соту болот деген күнү оо дүйнө салды. Айбек апасына топурак сала албады.

Чиедей төрт бала менен жалгыз калган Сейилге күнү-түнү тынчтык бербей жатышты. Бир күнү Алтынбектин иниси Жаркынбек келиптир.

- Оо, үйдө ким бар? - дегенинен Сейил чыга калды.

- Ким керек эле?

- Сиз керексиз да, Айчүрөктөй айга окшош, Айсулуудай күнгө окшош, Таттыбүүдөй тил жеткис сулуулардан экен десе, көп катындын эле бири экенсиң го? - деди Жаркынбек ыржая орой сүйлөп.

- Оозуңа карап сүйлө, - деп Сейил эшигин жаап алаарда камчы менен түртүп жаптырбай койду.

- Эмне, ушунчалык кымбатсыңбы, менин агамдын башын жегендей артык деле катын эмес экенсиң го?

- Милиция чакырам.

- Чакыр, чакырмак турсун барып чакырып кел!

- Эмне, мени агаңдын өчүн алуу үчүн өлтүрмөк болуп келдиңби?

- Каалаганымды кылам, бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуп кылың кыйшайбай жүрө берем деп ойлодуң беле, жооп берүүгө учур келди, кош бол "жеңеке", - деди да бастырып кетти.

- Акмак, өз оозуңардын кесирин тартаарыңарды билбейсиңер, - деп Сейил отура калып ыйлап жатты. Бирок ошону менен тынчып калбады, Сейил ата-энесине барып баарын айтты эле ал өз үйүнө балдары менен көчүрүп келип алды да бир жылдан соң күйөөгө берип, эки улуураак баласын өзү алып калды. Сейил ошентип кайрадан турмуш сересине багыт алды, бирок тийген күйөөсүнүн балдары аны жактырган жок.

Көз жашын көлдөткөн Сейил бир кыз, бир уулун калкалай албай араң зорго чыдап жүрдү. Күйөөсү күрсүйгөн адам, колунда барына манчыркаган адам, аты Зарипжан, беш баласынын үчөө үйлөнүп-жайланып, экөө мектеп жашында, аялы эки жыл мурун каза болуп калган. Кол алдында мал багып, үй жумушун жасагандар бар, уюн саап, сүтүн саткан жаш келин эки баласы менен жүрчү, көзү кызарган Зарипжан ага кээ-кээде бара коюп жүрчү, оюнда аны алып алайын деп ойлоп, колунда бар манчыркаган дөөлөтүнө дөөгүрсүп: "Мен муну күң катары алып келгемин, көргөндөр мени шылдың кылаар, күңүн алып алды деп", - ойлонуп Сейилге үйлөнгөн. Бирок Сейил ага анча жага бербей түн катып эки күндүн биринде Сайыпжамалга бара берчү. Өзүнөн улуу адамга тийген Сейил өзүнөн-өзү чүнчүп жүрүп аргасыз жашоого бел байлаган. Уулу Надырбек өтө шок, кызы али беш-алты жашта. Ал Зарипжандын Сайыпжамалга барып жүргөнүн короосунда кызмат кылган аялдан укту.

- Кызым, бу сен күйөөңдү жакшылап карабайт окшойсуң? - деди ал бир күнү.

- Эмне болду эже?

- Ботом күйөөң аялы жокто деле Сайыпжамалга барып жүрчү эле, эми дагы барып жатат, эркекти бекем кармабаса болбойт, өзүң жоош-момун келин экенсиң, айтып коеюн дедим, менин айтканымды билбесин, - деп басып кетти. Сейил ойлонуп калды. Ал Сайыпжамалды таанып калган, ал ар дайым уйду саагандан кийин жаңы сүттү өзү алып келип берип турчу. Кечинде тамак ичип бүткөн соң балдары өз бөлмөлөрүнө кирип кеткенден кийин Сейил:

- Сиз мага эмне максат менен үйлөндүңүз эле? - деди.

- Эмне болду? - Зарипжан ормое карады.

- Жактырып, жатып жүргөн аял турганда ашыкча аялдын эмне кереги бар эле?

- Ким айтты? - Зарипжан кайра карсылдай күлүп калды, - Ооба, болгон, бирок азыр менин аялым сенсиң да?

- Андай болсо түн катып неге барып жүрөсүз?

- Кой-кой эми Сейилжан, мага сен анча берилбейсиң, же улуу деп теңиңе албай жүрөсүңбү, анан эркекти жакшы караган аялга барууга туура келет, келгениңден бой салбайсың.

- Ал өзүңүздөн да, эгерде ага бара турган болсоңуз мени кое бериңиз, каалаганыңыздай жашаңыз, - деп Сейил идиш-аягын көтөрүп чыкмак болду эле:

- Сейилжан, ушунуң болбойт, аны жасачулар бар эмеспи? - деди Зарипжан, - Чоңдор же депутаттар эле кул-күң жумшайт бекен, мен сенин жумуш жасаганыңа жол бербейм, колуңдан келсе өзүңдү карап, күзгүгө каранып гана отурганың жакшы, эшиктегилерди мен эмнеге багып жатам, мен алган аял хандын аялындай гана кулпунуп турса дейм, - деди Зарипжан ушул ирээт чечиле, - Бир өмүр ансыз дагы өтөт, бирөө оопасыз дүйнөдө өкүнүп-өксүп өтөт, кимдир бирөө алчактатып жорго минип, жалаң каухар менен алмазга бөлөнүп өтөт, бактыңа келгенин көрөсүң, - деди корулдай. Анын корулдаган үнү, жагымсыз курсактуу денеси, эки бетинин буруюп турушунан Сейил жийиркенип кетти, сырттан кирген аял анын колундагыларды алып жыйнап кирди.

- Кечиресиң кызым, кечигип калдым.

- Эчтеке эмес, өзүм деле жасай коем, - Сейил энесиндей аялдан уялып кетти.

- Жөн кой, алардын кызматы ошол, сен менин жанымда гана отур, - деп Зарипжан ага өзүнүн жанынан орун көрсөттү, - Бүгүн жуунуп, жыттуу атырдан себинип жаныма жатчы, Сейилжан.

- Макул, атыр себинүү ошончолук эле зарыл керекпи?

- Ананчы, жытыңды буруксутуп койнумда жатсаң өзүмдү дүйнө жүзүн жалгыз өзү башкарган хансарайдагы падышанын өзү деп сезип бир ырахаттанайын, - Карсылдай күлүп Сейилдин тизесине колуна койгондо анын денеси жыйрылып кетти: "Эмнеге айттым экен, эмне болсо ошол болсун деп тим койбой", - деп ичинен андан жийиркенип кетти.

- Мен анда балдарды жаткырайын, - деп эптеп шылтоо кылып өйдө туруп уулу менен кызы жаткан бөлмөгө кирди. Надырбек менен Нурила Зарипжандан коркобу, айтоор тамактанып эле акырын чыгып кетишет, аталарын эстегенде кээде үйдүн артына барып алып ыйлашат.

- Атам качан келет Нурила, мен атамды сагындым, - деп Надырбек карындашын кучактап алып ыйлап жатты, - Апам эмнеге жаман кишиге келди?

- Билбейм, - деди Нурила ийинин куушура, ал атасын анча деле билбей калган эле, - Таятамдыкына кетип калбайлыбы?

- Апам жибербейт да.

- Качып кетсекчи?

- Адашабыз да.

- Сурап таап алабыз, - деп Нурила агасына жөлөнүп ыйлап отурганда издеп жүрүп көрүп калган Сейил балдарын кучактап ыйлап жатты:

- Апа, байкемдерди сагындым, кетеличи апа.

- Апа, мен атамды сагындым, сен бизди бул жерге эмне алып келдиң эле, жанагы жаман киши экен, атам качан келет? - деп Надырбек кучактап алып ыйлап жатты.

- Ыйлаба каралдым, ал жакшы киши, эми силердин атаңар ошол киши гана болот, Айбек келбейт.

- Калп! - Надырбек апасынын колун силкип жиберди, - Атам келет, сен калп айтасың, атам келет, - деп жүгүрүп кетип калды.

- Апа, атам каякта? - Нурила апасын карады.

- Атаң алыста кызым, ал эми келбейт, силердин атаңар Зарипжан, - Сейил кызын колдон ала өйдө болду да Надырбектин артынан жөнөдү, ал түз эле чымын-куюн болуп чуркап кетип жатты, улам жеңи менен жашын аарчып коюп кете берди. Сейил анын артынан бир топко жүгүрүп барып күйүгө туруп калды, көзүнүн жашы мончоктоп куюлуп турду, он эки-он үч жашар бала коңшу айылды көздөй улам тынып кайра жүгүрүп кете берди. Сейил короого киргенде Зарипжан ага:

- Кайда бардың? - деп суроо узатты.

- Надыр качып кетти, таятасыныкын таппай адашып кетет го, мен артынан барайын.

- Эмне, бирөө капа кылды беле?

- Жо-ок, таятамдыкына барып келели дегенинен болбой койгом.

- Аа-а, каршы болбой койсоң болмок.

- Барып келейинби?

- Бар барсаң кайнатага салам айт, - деп Зарипжан ары карай басып кетти.

- Макул, - Сейил ичкери кирип кийинип алып шашыла кызын жетелеп чыкканда токулуу атты кармап турган экен:

- Бүгүн эрте барып Надырдын артынан жет, кайра эртең келип кал, - деди Зарипжан.

- Ооба, тез эле келем, - Сейил Нуриланы өңөрүп алып ылдамдай бастырып жөнөдү, айылдан чыгып эки жакты элеңдей карап кетип жатты, эки айылдын ортосундагы ээн жерде кыйкырып баратты.

- Апа, Надыр байкем таятамдыкына барып калган чыгаар ээ?

- Билбейм кызым, кайда жүрөт, каерге барды, деги аман-эсен болсо экен.

- Таятама барып калгандыр, - деп бала болсо дагы кабатырланганын билдире улутунуп койду. Тээ айылга жете бергенде Надырбек арыктан жээгинде отурганын көрүп кубанып кетти. Ыйлап-сыктаган Сейил баласынын жанына жетип:

- Надыр, кел учкаш, таятаңа чогуу барабыз, - деди.

- Сени менен барбайм, менин атам Айбек болот уктуңбу, Зарипжан менин атам эмес, сен калп айтасың, - деп туруп алып качып жөнөдү.

- Надыр токто дейм, таятаңа чогуу барабыз токто!

- Мен атамды сагындым, түрмөгө барып табам.

- Уулум, кел-келе гой, мен алып барам сени, мени укчу өзүм алпарайын, - Артынан атты тездете бастырды.

- Калп, мени алдап жатасың, сенин күйөөң бар! - деп болбой кете берди, кубалашып атасынын үйүнө жетти, Сагынбай сыртта жүргөн, ыйлагандан ботала болуп, ысыкта боргулданып короого кирген Надырбекти көрүп чоочуп кетти. Азиз менен Азим мал кайтарып кеткен.

- Сага эмне болду, бирөө кууп келдиби, балам?

- Мен атама барам, таята.

- Кайдан табасың?

- Издейм, атамды таап мен атам менен калам, - дегенде артынан Сейил менен Нурила кирди, - Сен эмнеге келдиң, баары бир мен сени менен барбайм, атамды табам! - Мурдун шыр тарта жеңи менен сүртүп алды, - Эмнеге атамды каматтың?

- Ой бала, - Сагынбай ачуулуу карады, - Атаңды ушул каматты беле, өзү киши өлтүрүп камалган, ок атта-аңдын ооз-зугурайын десе, энесин күнөөлөп качып келген тура, бар таап ал атаңды!

- Ата, ата антпечи, бала неме айтып койду да, ата, - Сейил ыйлап Надырбекти кучактамак болду, - Надыр, уулум мен сага түшүндүрүп берем, жүр үйгө киреличи.

- Кирбейм, мен Алибек байкемдикине барам! - деп Надырбек артка бурула короодон чыгып баратканда Сейил анын артынан жөнөмөк болгондо Сагынбай аны токтотту.

- Тим кой, эми адашпайт, туугандарына барып да көрсүн, кандай тосуп алаар экен, билсин атасынын бир туугандарына кадыры барбы жокпу. Атачылын кара жашабай жатып, тынч жашай албай түрмөгө түшкөн атасынын ким экенин билсин!

- Ата, Айбек деле жакшы болчу, шайтанга азгырылды го…

- Үйгө кир, эми туугандарына барып кайра келет да.

- Апам жок беле?

- Апаңды байкең алып кеткен, дарылатам дейт го, ооруп жаткан.

- Качан алып кетти эле?

- Көп болду, бүгүн-эртең келип калаар, ээй сары кыз, чоңоюп калдыңбы, кызым? - деп Нуриланы эңкейе өөп койду Сарыбай.

- Ата, Азизбектер жакшы эле жүрөбү? - Сейил атасынан бир аз батыналбай туруп балдарын сурады.

- Жүрөт, алар азамат, Надырбектей терсаяк кайдан болсун, ат-тааңдын ооз-зугур-райын десе, мурдунун богун арталбай жатып атасын табат имиш.

- Койчу ата, бала да ал.

- Бала болсо да баладай болгону жакшы, эмитен энесине каяша айтып жүрсө кандай жакшылык күтөсүң ошо баладан, терсаяктыгын кара эмитен, - деп Сагынбай чындап эле ачууланып алган, аны көрүп Сейил унчукпай калды. Кечке маал апасын агасы Рапилбек алып келип калды. Ал күнү Сейил кечке тынчы кетип отуруп эптеп түнөп эртеси таң заарынан туруп кайнисинин үйүнө жөнөдү, ал эми жеткенде Алибек көрүндү.

- Надыр келдиби? - деди ал-жай сурабай эле Сейил.

- Келген, уктап жатат.

- Ай кудай ай, мени жинди кыла жаздады го, мага аны кошуп бер эми, эптеп алып кетейин.

- Тим кой жеңе, жүрө турсун, кетем десе куданыкына өзүм жеткирип коем, Нурила чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп калды, өзүңөр жатасыңарбы, ал-жай деле сураганга жарабай калганымды кара, - Сейил ыңгайсыздана түштү, - Мейли анда мен кетейин, атамдардыкына жиберип койгула ээ?

- Ооба өзүм жеткирем.

- Макул анда, - Сейил үйүн көздөй жөнөдү. Азизбек менен Азимбек бир топ чоңойгонго токтоло түшүптүр, апасына таарынычы күч болгону менен энесин кыйып кетмек эмес эле, сагынычтары жазылганча сүйлөшүштү, карындашын эркелетип кетээринде Азимбек:

- Апа, кабатыр болбой эле кой, Надырбекти биз көздөп турабыз, атам жөнүндө түшүндүрүп коебуз, - деди.

- Макул садагаларым, таятаңарды капалантпай айтканын угуп жүргүлө эми, айла канча ушинтип ар кимибиз ар жакта калдык, - деп бышактап ыйлап жөнөп кетти.

Жолдо келе жатып Нурдинге жолугуп калды Сейил. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп Сейилге Алтынбек менен Айбектин чырын айтып келип:

- Сен Алтынбек менен сүйлөшүп жүрчү турбайсыңбы, биз аны билбептирбиз, - деп күлүп калды.

- Нурдин, мен аны менен сүйлөшкөн эмесмин, бирок айттырып жүргөн, дегеле аны менен жолугуп көрбөгөм.

- Кызык, эми го ал дүйнөдө, күнөө кимде кудайым өзү калыстаар дечи, ал аябай айткан да, калп жеринен Айбектин кыжырын келтирсе анда жаман болуптур.

- Мен болбой койгомун, катына жооп бербей койгом, ошого ыза болуп Айбектен чыгаргысы келсе керек.

- Өзү ажал тапты эмне болду, ооз кесирин тартты байкуш, бөөдө Айбекти шорго салды, үйбүлөсүнөн ажыратты, - деп Нурдин баш чайкап калды, - Ойносоң да ойлоп сүйлө деген чындык да, кесир сөздүн арты менен канча адам жабыр тартып калды, өзүнүн үч баласы жетип калды, аялы эрге тийип кетти, силер чачырадыңар.

- Эми өз жазасын ар кимиси тартып жатат го, тирүү бизде кайсы күнөө десең, - Сейил көз жашы мөлт-мөлт эте буулуга ыйлап ийди, - Балдарымдан алыстап мен алардын курмандыгы болдум, экөөнүн залалы мага балдарыма тийди…

- Көп эле капалана бербе Сейил, тагдырыңар ушундай экен да, биз аларды ынтымакташууга абдан аракет кылдык, бирок аягы баары бир өкүнүчтүү бүттү.

- Кой мейли анда, биз кетели, - Сейил туруп атка минмек болгондо Нурдин аны аткарып, кызын өңөртүп койду, - Жакшы калгыла.

- Жакшы бар Сейил, - Нурдин көпкө чейин анын артынан карап турду: "Алтынбек катуу сүйүп калса керек, аял деген адаштырат акылдан деген ушу тура, бир чыканактай кыз үчүн бири өлүп, бири түрмөдө", - деп ойлуу артына бурулду. Сейил кечке маал келди, ал келсе Зарипжан жок экен, анын бар жогуна деле көңүл бурбай жолдо карды ачканга Нурила экөө чай ичмек болду эле:

- Кызым отура бер, тамак даяр, алып келе калайын, - деди Бурма ага.

- Өзүм эле…

- Жо-ок, кожоюн көрсө урушат, - Бурма ага акырын ыктай калып шыбырап койду, - Мени айтты дебе, бу көпөсүң Сайыпжамалга дагы бир жалчы жалдап берди, кыязы боюнда болсо керек, уйларды ал сааганын токтотуп эки күндүн биринде күйөөң менен базарга түшүп кийинип келип калат, - деди да бөйпөңдөй басып кетти. "Көпөс, демек Зарипжанды көпөс дешет тура, ырас эле тоодо үйүр жылкылары, уйлары короо-короо койлору бар, дүкөндү да ачып коюптур, мунун баласы көп табат окшойт, Сайыпжамалды эми алам дээр бекен", - деп ойлуу отуруп калды. Кеч киргенде ыңгырана кирген Зарипжан.

- Кайната-кайненелер жакшы жатышыптырбы? - деди Сейилди карай.

- Жатышат, салам айтышты.

- Жакшы, уул эмне келген жокпу?

- Жок.

- Мейли сагынганда келет, - Зарипжан Сейилди бир саамга ормое карап бир нерсе айтмак болуп келип анан кайра ары бурулуп жамбаштай жатып калды. Ошондон көп өтпөй улуу баласы үйбүлөсү менен келди, Зарипжан кызматчыларына кой сойдуруп коноктоп неберелери менен уул-келини үч-төрт күн жүрүп кетмек болгондо Зарипжан уулу Марсты карап сөз баштады.

- Уулум, мен силерге кеңешейин дедим эле.

- Эмне кеп, ата?

- Мен токол алайын деп жатам.

- Ата койсоңчу, эки аялды эмне кыласыз, - Марс атасына нааразы болгон түрдө кайрылды, - Балалуу болбогон киши көп аял алчу эле, сиз…

- Анда эмне бар? Менин аялдарды бакканга кудуретим жетет, байлыкты силер таап берген жоксуңар, керек болсо силерди окутуп-чокутуп койдум, өз-өзүңөрчө үй-жайыңар бар.

- Эгерде апам болгондо минтмек эмессиз, каалаганыңызды кыла бериңиз, - деди да Марс балдарын, аялын унаасына отургузуп жөнөп кетти.

Зарипжан аларды узатып коюп туугандарын чакырды, кеңешип бир тай сойду да Сайыпжамалды нике кыйдырып той берди, Сейил айтпай төркүнүнө кетип калды? Зарипжан анын кеткенин билгенден кийин бир жылкы, бир музоолуу уй жетелетип кайнатасынан кечирим сурап Сейилди кайра алып келди. Сайыпжамалдын ичи билинип калган экен. Заңгыраган беш-алты бөлмө үйдүн төркү бөлмөсүндө Сейил, кире бериштеги чакан бөлмөдө балдары менен Сайыпжамал жашай турган болду. Сейил каалашынча уктайт, ага тамак даяр болгондо гана Бурма келип чакырат, Нуриланы ал өзү тойгузуп карап турат. Надырбек ошол бойдон келбей койду. Убакыт өтүп Сайыпжамал уул төрөдү, ал эми Сейилдин келгенине үч жыл болуп баратса дагы боюна болгон жок. Ал эми гана эсине келгендей тагдырына тан берип, өчөшкөнүнөн өч алгандай Зарипжандан каалашынча акча алып кымбат баалуу кийим-кече алып кийип, алтын чынжыр менен, алмаз көздүү шакек сөйкөлөрдү алып абдан өзгөрдү: "Багыңа келсе бак чай, чегиңе келсе чекчей", - деген эмеспи, үстүнө аял алганына бир чети ызаланса, бир чети жини келет. Чогуу дасторкондо отуруп тамактанышканы менен Сайыпжамал экөө сүйлөшүшпөйт, бир күнү эшиктен кирип келе жатса анын үнү угулду:

- Акыры алат экенсиң аял албай туруп албайт белең, же мен токол болууга ылайыкмынбы? - деди күйөөсүнө.

- Болду, акыры койнумда жатасың го, уулум турат, Сейил жакшы аял, аны сыйла.

- Сыйлабаганда бирдеме деп жатамбы, менден ашыктыгы деле жок экен го, эмнеге аны жакшы көрөсүң? - деп ич күптүсүн чыгара албай жатканын байкаган Сейил өз бөлмөсүнө өтүп кетти: "Бул челектей неменин эмнесин кызганат, же жакшы көрөбү, өзүнбү же байлыгынбы, чынында бул аялга байлык керек окшойт", - деп ойлонуп диванга отуруп калды.

Сайыпжамалга байлык керек болчу, эми эркек төрөгөндөн бери анын чоң максаты ишке ашмак, себеби Зарипжанга жыландын башын чыгарып турду.

- Жамал, - деди Зарипжан анын атын кыскартып, - Сени андан жаш, көңүлүмдү ачат деп алдым, сен менден башка нерсе үмүт этпе.

- Кантип эле, бул уулуңду салбар токолдон туулду деп балдарыңа теңебей коймоксуңбу? - Кергиштей суроо узатты.

- Мени бул айыл башынан көпөс дешет, союздун учурунда эле малдуу турчумун, жылкычы болуп жүрүп чоңдорду колго алгамын, совхоз тараганда бир үйүр жылкы болду, катып жүргөндөрүм, уйдан ондон ашык, кой бөлдүрүп алдым элүүдөй, экөөңдү тең бакканга кудурет жетет, Кутубий деген ат бердим балама, демек бул үй, мал-кел бүт балама тиешелүү, балдарга өзүнчө энчи бөлүп берем, жалгыз кызыма дагы берем, анан…

- Эмне анан? - Сайыпжамал демите сурады.

- Сейилге дагы бөлбөсөм болбойт да.

- Эмнеге, балдарын бакканың жетпейби же сага төрөгөн баласы өтпөсө…

- Болду, сенин ашыкча сөзүң жакпай баратат, - Зарипжан ары бурулуп кетти.

Бирок Сайыпжамал өтө куу аял эле, өзү Сейилден эки-үч жаш кичүү, ал куулугун карматып Зарипжанды алдамак болду. Сейил унчукпай өзүн-өзү карап жүрө берди, күйөөсү келээр түнү буруксута атырдан себинип, чачын шампундап, ич кийимдин кымбат баалуусун кийип тосуп алат. Зарипжан ага келгенде анын ашык сөзүн укпай эс ала түшөт, мындайда жуп төшөккө жатып жарык өчкөндө Сайыпжамал каалганын артынан тыңшап көпкө турат да үн-сөз угулбагандан соң кайра ордуна жатып калат. Ошентип билинбей бир жыл өттү, Зарипжан үйүнүн жанына заңгырата эки кабат үй салдырып жатты, аны кимге салдыраарын айткан дагы жок, эки уулу таарынып жүрүп жазында чогуу келишти да андан энчи доолап отурушту.

- Сиз бизге көзүңүздүн барында өз пейлиңизден энчи бөлүп бериңиз, ушул малды биз кайтарып далай эле эмгегибиз өткөн, - деди Марс түз эле.

- Ооба, сиз бөлүп бербесеңиз биз биротоло кечип кетебиз ата, - деп агасын коштоду Алмаз.

- Болуптур, эми биротоло Гүлжамалды дагы чакыргыла, энчини бешке бөлөм, үйдөгү экөө эсиңерде да, - деди Зарипжан сакалын сылай эки уулун көз кыйыгы менен карап.

- Гүлжамал кыз, энчи балдарга гана бөлүнүш керек.

- Жо-ок, кызым жалгыз, жакшы көргөн кызым, анын дагы көз акысы бар.

- Макул, - деп Алмаз унаасын айдап жолго чыкты, эртеси күйөөсү экөөнү тең алып келди. Гүлжамалдын түшкөн жери деле бардар болчу, күйөөсү базар экономикасы жаңыдан башталганда бизнести алгач баштагандардан, турмуш жайы ойдогудай. Ошентип Зарипжан үчөөнө үчтөн жылкы, эки музоолуу уйдан, ондон кой бөлүп берди.

Ошондо Гүлжамал:

- Ата, мен энчи бөлүп албайм, Илгиз менен Мураска берем, - деди, эки иниси тең бойго жетип калган эле.

- Кызым, алар менин колумда, үйлөнүп-жайланган соң ал экөөнө дагы бөлүп берип өз-өз ордуна коем өлбөсөм, сен менин төрт эркектин ичиндеги жалгыз кызымсың, мен бергенди алгын.

- Чынында кыз балага энчи бөлүнбөйт эмеспи, - деди Алмаз. Эки агасынын сөзүнө карап Гүлжамал атасы бергенди алып кетмек болду. Ошол эле күнү балдары жылкыларын, уйларын базарга сатып жиберишти да жөнөп кетишти. Зарипжан кийинки күндөрү түш көрө берчү болду, ал бир эле жолу эмес бир нече жолу кайталана берди. Түшүндө ага бир аял чыныга суу берип жаткан болот, баягы сууну жутмак болгондо эле суу ысык, анан топурак салынып ылайланып кетет, ошентсе да ичип алат, анан чоочуп ойгонот: "Бул эмнеси, таза суу өмүр дечү эле, суу кайнак, топурак кошулуп кеткени эмнеси", - деп ары басса да, бери басса дагы ойлонуп чече албады. Бул кезде үй бүтүп Сайыпжамалды ага киргизип койгон, ал эми аны өз атына жаздырмак болуп ойлонуп жатты.

- Зарип, - деди ал бир күнү, - Уулубуз үчкө чыгып калды, али күнчө атыңды бербедиң, же күбөлүгү жок, үйүңдүн кызыкчылыгы кайсы, эгер сен болбосоң бизди заматта кууп чыгышат го?

- Кам санаба, эки күндө күбөлүк алып берем, пулуң болсо кулуңмун деген заман, - деди Зарипжан.

Сейилди алганда ЗАГСка турушкан эмес, өлгөн аялынын ЗАГСын тапшырып Сайыпжамал менен ЗАГСка турда да дароо күбөлүк алды, баардыгы бир жума кетти. Сейил аны уккан да кызыккан дагы жок, башынан байлыкка кызыкпаган неме ойлогон дагы жок. Эми Сайыпжамалга баары бир болчу, анын эмки максаты Зарипжандын көзүн тазалоо болду: "Менин колумда ЗАГС турганда Сейил эмне кыла алмак, ал аңкоо жүрө берсин күнүмдүгүнө кызыгып, мен эми Зарипжандын көзүн тазалап бай катынга айланамын, саксайган чалды кучактап жатып жаш күнүмдү өткөрмөк белем", - деген ойго токтоду.

Зарипжан ага атайын бир жаш кызды бала карашканга алып келип берди, тамак-ашын жасаганга үйбүлөлүү адамдар бар эле. Сайыпжамал чалкалап жатып оюн кантип ишке ашырууну ойлонуп жатты. Тамак жасаарда атайын өзү барып тапшырма берет, жүрөгү даабай жүрүп убакыт өтө берди, Сейил Зарипжандын көбүнчө Сайыпжамалда болуп калганына жини келип:

- Токолуңдун жанынан чыкпай калдың, андай болсо менин башымды бошот, - деди акыркы келген күнү.

- Сейилжан, кечирип кой, бала бар эмеспи, анын үстүнө жалгыз, - деп Зарипжан сөз таба албай калды, ал өзү манчыраган мүнөзү болгону менен аялдарга жаман айтып урушуп же урчу эмес.

- Мен деле жалгызмын, бир сени карап акыйып түн күзөтүп жатыш оңой бекен?

- Айбымды мойнума алам Сейилжан, мындан ары күн алыс жаныңда болом.

- Болуптур, эркектин айыбын мойнуна алганы эркектиги деп ойлойм, мен бир сураныч кылсам макулбу? - деди Сейил жылмая.

- Айта бер, орундатам.

- Шаарга барып кийим-кече алып келсем дедим эле.

- Жарайт, канча керек?

- Өзүң билесиң да.

- Эртең бир тай сатып берейин.

- Макул, ал жетпесе акчаң бардыр?

- Ооба Сейилжан, сенден аянбайм, каалаганыңдай жаса.

- Макул, - деди Сейил суз.

Ошондон бир жума өтпөй эле Сейилдин элүү миң сом менен шаарга кийингени кеткенин уккан Сайыпжамал ичи күйүп жатты, Зарипжан кечинде келээри менен алдынан чыкты.

- Ийи, байбичеңди ойноп келсин деп шаарга жөнөтүпсүң?

- Ооба, ал дагы адам да, жетимишке таяган курагымда экөөңдү бириктирип, ортодогу балдарга тең карагым келет Жамал, өмүрдөн менин алаарым не, падышадай өмүр сүргүм келген, андай боло албасам да өз максатыма жеттим, карыганда кайраттуу ата, кадырман күйөө болдум, жашым өткөн кезде эки аялды нааразы кылгым келбейт, ал келген соң сен барып балдар менен ойноп кел, макулбу, Жамалтай.

- Жарайт, бирок мен токол болуп элдин көзүнө көрүнгөнүм менен никелүү аялыңмын, ошондуктан түбү жок аялдын бир күнүнө чычалай койбойм, - деп мыйыгынан жылмайып алды.

- Туура, бирок мен турганда ага бир сөз жетпеши керек, сенин бул сырды катышыңды каалайм, - деп Зарипжан Сайыпжамалды корккондой карады.

- Эмне, байбичеңдин угуп алып кетип калышынан коркуп кеттиңби? Баса өткөндө кызынын мектебине барганда айыл өкмөтүнө барып таппай калган имиш, демек менсиз эле Сейил айымың жакын арада баарын билсе керек? - деди кытмыр жылмая, табасы кангандай.

- Ошентиптирби, кудай уу-ур, анда ага өзүм айтышым керек экен.

- Ийи, өзүң айтып, байбиче бойдон кал, энчи бөлүп берейин деп жалдыраганы турасыңбы, андан көрө кетирип жибер да.

- Эмне дейсиң, жо-ок мен аны кетирбейм, бир ыкманы табышым керек, - деди да шашыла чыгып кетти, кычырай сүлөөсүн тебетейди кийип алып үстүнө баркут чапанды жамынып айыл өкмөтүн көздөй жөнөдү. Ал дал ошол күнү айыл өкмөтү менен сүйлөшүп отурду. Ал мыйзамдуу түрдө ар бир жарандын бир гана аял менен никеге турууга акылуу экенин айтып болбой койду, кечинде түн катып кулундуу бээни жетелеп үйүнө түштү. Көңүлсүз каршы алган айыл өкмөт башчысы.

- Аксакал, бирөө көрсө пара алды деп мени соттоп ийет, мен сизге түшүндүрдүм го? - деди сыртын сала.

- Балам, өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок, бул байлыкты көрүмө ала кетмек белем, тирүүмдө керегиме жарасын деп багып жатам да, бир жакшылык кылып кой, - деп жалдырады Зарипжан. Байлык, акча кимдин көзүн кызартпаган, тигил акыры ойлонуп туруп:

- Эртең келиңизчи кеңсеге, - деди.

- Болуптур балам, - деди да Зарипжан чыгып кетти.

Бирок эртеси ЗАГС менен кошо катталган кагазды алып келди да култуңдап жатып калды. Ошентип куулук менен зомбулуктун заманында ар ким өз билгенинче жашап калган кезде Зарипжан эки аялын тең мыйзамдуу түрдө каттатып коюп компоюп жүрө берди. Күндөр өтүп Сайыпжамал өз оюн ишке ашырууга даярдык көрүүгө шашылып шаарга жөнөдү. Балдарына кең-кесири кийим-кечени алып, өзү кымбат кийим-кече алып келген Сейил унчукпай жашай берди. Аңгыча Азизди атасы үйлөнтүп койду. Азимбек болсо аскерге кеткен. Надырбек Алибектин үйүндө болуп калды. Сейил менен сүйлөшпөйт, барса жолукпай качып кетет. Аргасыз кийим-кечесин таштап кетип калат. Арадан он эки жыл өткөндө ал Айбектин түрмөдөн бошонуп келгенин укту, бирок ага жолуга алмак эмес, ичтен тынып, жаңы үйлөнгөндөгү бактылуу кездерин элестетип тим болду. Айбек ага-инисине жолугуп анан кайра эле шаарга кете берген, ошол кезде Надырбек тоого мал кайтарып кетип калган, Азимбек аскерде болчу. Азизбек үйлөнгөндөн кийин таятасына айтып шаарга кетип калган.

Ошентип Айбек балдарына жолуга албай ага-инисинен бир аз тыйын алып шаарга кетип калган эле. Жайлоокан уул төрөгөндө Айбектин кубанганын айтпа, Аида менен Алида апасына тынбай тамак-аш алып барып турушту. Чыгаарында гүл көтөрүп, такси жалдап батирине алып келди.

- Ыраазымын Жакин, уул таап бергениңе, бизди биротоло данакерлештирген бала эмеспи, эжелеринин артынан эсен-аман чоңое берсе болду, мен өзүмдү эми гана бактылуу сезип турам, - деди үйүнө келген күнү кубанычтуу.

- А менин кубанычым андан да өтүп турат, үч кыздан кийин уул таап кубанычым койнума батпай көктө учуп жүргөнсүйм, - Жайлоокан уулун мурдунан чымчый кумарлана жыттап алды.

- Атын ким коебуз, Жакин?

- Атасы билсин.

- Ырыскелди койсок кандай болот, ушул наристем бизге кут-ырыскы алып келген ырыстуу бала болсун.

- Макул, атасынын айтканы биз үчүн мыйзам.

- Алтыным десе, - Айбек Жайлооканды кучактап өөп, - Сен бактылуу болсоң болду, сенин жүзүңдүн сумсайганын көрбөйүнчү жаным, - деди акырын кулагына.

- Кыздар кирип келбесин? - Наздана аста түртүп койду.

- Мейли, апасын кандай сүйөөрүмдү билсин, кыздарым түшүнөт.

- Ушуларым бактылуу болсо биздин бактыбыз эмеспи, Амина болсо жаш, окутуп койсок болот эле, - деп муңая түштү Жайлоокан. Жада калса өзүнүн паспорт алып жарандык укук ала электигине ичтен өкүнүп алат, бирок күнүмдүк жашоо тиричилик, убаракерчилик баарын убактылуу унуттуруп өткөн күндөрүнө, таежесине нааразы болуп кетет, бирок Айбектин өзүнө болгон жакшы мамилесинен улам гана өзүн бактылуу сезип, ага жолуккан аз убактысындагы жылуу мамиле, мээримдүү көз караштарын эстеп оор улутунуп алат. Аида Азизден көңүлү калып ыйлап-сыктап алганы менен кайрадан аны көргүсү келип туруп алды. Жумушунда тыкылдап иштеп жүрө берди, ачык-айрым татынакай кыздын түнт тартып кеткенине шефи Тоня таңгалып, бирок унчуккан жок, күндөн-күнгө кабагы салыңкы тартып суз жүргөнүнө чыдай албай бир күнү аны өз кабинетине чакырды:

- Аида, сен келгенде жайдары кыз элең, кардарларды да жакшы тейлечү элең, эмнеге капаланып жүрөсүң?

- Эже, капа болгонум жок.

- Жо-ок, бир нерсеге түйшөлүп жүргөндөйсүң.

- Кабатыр болгонуңузга рахмат эже, эч нерсе деле болгон жок.

- Макул, иштей бер, бир нерсе болсо мага айт, - деп Тоня отуруп калды, - Даа-а, өткөөл курак жаш кыз бир нерсеге учурадыбы.

Аида шефинен чыккандан кийин өз ишине киришти, оюнда Азиз, бирок ал көзүнө көрүнө койбоду, таарынып кеткенден бери болгону үч күн өтсө дагы үч жыл өткөндөй болуп кетти ага. Түш ченде кардарлар көбөйүп колу бошобой жаткан, бир кезде бош орунга бирөө гүл көтөрүп жүзүн көрсөтпөй отуруп калды. Аида бошой калып бетти жаап отурган адамга кайрылды.

- Кош келипсиз, эмне заказ кыласыз?

- Эки адамга биринчи, экинчи тамак алып келиңиз, дагы бирөө келет, - деди тигил жүзүн жапкан кепкасын албай туруп.

- Жарайт, - деп Аида кетээри менен тигил шеф отурган жакка өттү. Бул Азиз эле, ал шефке сүйлөшүп, Аиданы бир саатка бошото туруусун өтүнгөндө Тоня баш ийкей макул болду да: "Демек ушул жигит үчүн азап жеп жүргөн экен, кыз байкуштар ай, эркек үчүн бүт өмүрүн тозокко салууга даяр, дурус эле жигит окшойт", - деп чыгып келди да Аидага кайрылды.

- Аида, бүгүн сен бошсуң, эртең кайрадан жумушуңа келе берсең болот, эми тигил гүл коюлган үстөлгө бара гой, - деп күлүмсүрөй карады.

- Эже-е…

- Күтүп калды, башка кыздар тейлейт, - деп башын ийкеп жылмайып койду эле үстөл жакты карай бергенде Азиз күлө бери басып келе жаткан экен.

- Аида, кандай акыбал?

- Жакшы.

- Жүрү отуралы, - Кол жаңсай үстөлдү көздөй колдон алып басты, Аида кызара анын жетегинде кетип жатты, кубанаарын же таарынаарын билбей Азиздин коштоосунда келип орундукка отурду, - Кечир Аида, таарынычыңды жаза алаар бекенмин? - деди Азиз ага тигиле, - Эгерде кудуретиң жетсе кечир, - Колунан кармап жакындай отуруп алып жооп күтүп калды.

- Азиз, мен эмне кылаарымды да билбей турам.

- Аида, мен сени чын жүрөгүм менен сүйөм, аялымды кетирдим, кызымды апам алып калды.

- Кет дегенде оңой эле кетип калдыбы?

- Ооба, кетти, Аида…

- Азиз, мен атасыз өстүм, мендей дагы бир кыздын атасыз өсүшүн каалабайм, атам өлүп калбаса башкача болмок дечи, бирок сен кызыңды атасыз же энесиз калтырууга жол бербейм, мен сага болгону бакыт каалайм, - деди Аида үнү дирилдей.

- Аида, мен сени сүйөм, кызым чоң энесинде өсөт, эч камтама болбо, апама ачык айттым.

- Жо-ок, мен каршымын, сенин үйүңдүн бузулушуна жол бербейм.

- Койчу Аида, - Ошол кезде заказ берген тамактары менен бирге шефи атайын өзүнчө куттуктоосун билдирип чоң табакка тамак аш менен гүл жибериптир. Ошентип тамактанып алып анан Азиз кызды колдон ала кафеден чыгып кетти. Экөө көпкө басып жүрүштү. Ары тартышып, бери тартышып жатып акыры Аида өзү сүйгөн адамына баш ийгендей болду.

- Азиз, - деди бир топтон кийин.

- Оо-оу, жаным? - Азиз ийиле калып анын алдына тура калды.

- Чын эле мени сүйөсүңбү?

- Ооба, жаным менен!

- Сүйүү деген эмне өзү? - Кылгыра наздуу карады.

- Сүйүү деген жалын, кирген дайра, боорон-чапкын, - деп күлгөн Азиз, Аиданы кучактап калды, - Өрттөнүп баратам, күйүп баратам, жарда-ам!

- Оо-ой, ушундайбы сүйүү? - Аида эркелей жигиттин кучагында магдырай кетип жатты.

- Ооба, сүйүү ошондой, мен төрт жыл аялым менен жашап бир дагы жолу ага бериле албадым, төрт жылдын бир жылын гана чогуу жашадык, анан сени жолуктурдум, - Азиз ойлуу кызга жүзүн бурду, - Бул дүйнө жапжарык, кенен анан дагы кызык көрүнүп калды, бул сенин барың үчүн, сага кездешкеним үчүн, көрдүңбү жаным, сүйүүнүн кандай керемет экенин?

- Кызык…

- Ооба жаным, сүйүү кызык, сүйгөнүң жаныңда турганда, айлана сулуу көрүнөт, дүйнөң түгөл, жан-дүйнөң эргип бардык жакшы күндөр сени гана күтүп тургандай сезилет, мен сени сүйөм Аида.

- Мен дагы.

- Чын элеби жаным?

- Чын.

- Ыраазымын, сүйүүмдү жообу мен үчүн чоң бакыт, - Экөө андан ары бирде күлүп, бирде каткырып бак ичинде басып жүрүштү.

Жаштыктын кайтарылгыс жакшы күндөрү кимдерди гана бактыга бөлөбөгөн, ооба бакыт демекчи, адам баласы бакытты ар кандай түшүнүп, ар кандай баалашат эмеспи. Бирөө байлык менен ченесе, бирөө сүйгөнүнө жеткенде гана бактылуу болдум дешет, дагы бирөө дөөлөттүү жашоо бакыт дешет, бирок бакыт ар тараптуу, ар кандай учурда адам баласын өз кучагына алаары шексиз. Аиданын жаш жүрөгү чаарчыктын жүрөгүнөн бетер ээлигип, жаштыктын, сүйүүнүн жыргалына магдырап турду.

Ал үйүнө келгенде Жайлоокан келип калган. Кызынын жүзү албырып бактыга бөлөнүп турганын энелик жүрөгү дароо сезди. Аида апасын көрүп эле кучактап калды:

- Апа, жумуштан эрте келдиңизби?

- Ооба кызым, сага эмне болгон?

- Эчтеке.

- Жо-ок, абдан кубанычтуусуң кызым.

- Эчтеке болгон жок апа.

- Мейли, бирдеме ичесиңби?

- Кардым ток, эс алуум керек.

- Аида жатып эс ал, Алида дагы чоңойду, жумушка иштетиш керек.

- Эми ал кое турсун апа, али жаш, эмки жумада аны мен кийиндирем, Амина экөөнү тең.

- Мен бала менен үйдө болуп калдым.

- Эчтеке эмес, инимди чоңойтуп алсак болду, байкем келе элекпи?

- Ал үй сатып алабыз деп жатат.

- Оо-ой жыргал, өзүбүзчө үйүбүз болобу, апа?

- Ооба, буйруса үйүбүз болот.

- Жакшы болот эле, батирде жашагандан уялат экенсиң.

- Эми силер дагы чоңойдуңар, мен эчтеке даярдай элекмин кызым, бой жеткен кызы бар аял сеп даярдайт, - Жайлоокан муңая сүйлөдү, ошол убакта Айбек кирип келди, көтөргөн тамак-ашы бар.

- Кана, уулум ыйлабай, апасын кыйнабай, эжелерин убара кылбай эле жатабы? - деп күлүп Жайлооканга кайрылды, - Кыйналган жоксуңбу?

- Жо-ок, уулуң уйкудан бошобойт го, - Жайлоокан бактылуу жылмайды.

- Кызым, иштериң кандай? - Аидагы кайрылды Айбек.

- Жакшы.

- Азамат кызым, апаңа жардам берип жатасың, бойго да жетип калдыңар, эми силерди күйөөгө узатыш кана калды, - Тамашалай күлдү.

- Ооба сага, мен азыр эч жакка кетпейм, - Аида кызара жер карап Азизди эстеп алды, ушул ирээт ал Азизге Айбектин окшоштугу барын эстеп: "Кызык, адамдар бири-бирине окшошо береби, Азиз Айбек байкеге окшош экен да", - деди оюнда.

- Уялып кеткениңе караганда кызыбыз жигит тапкан го?

- Коюңузчу байке, башка сөзүңөр жокпу? - Тултуңдай ички бөлмөгө кире качты, - Менин эч кимим жок!

- Болуптур эми, убагында көрөөрбүз, бирок али эртерээк, жигитти азыр сен ойлой турган убакыт боло элек, кызым, - Жайлоокан кабатырлана айтты, - Жок дегенде жыйырмага чыксаң анан деле жетишесиң.

- Ага чейин үйгө кирип калабыз, кудаларды жакшылап тосконго жетишебиз.

- Үй таптыңбы?

- Ооба, эртең көрүп келем.

- Жакшы болгон тура.

- Буйруса жарымы бүтө элек үй болсо да алабыз, анткени ичин өзүбүз каалагандай бүтүрөбүз, кадимки баардык шарты бар кылып өзүм жасайм, ванна-туалетти ичине тургузам, кандай дейсиң?

- Эң сонун, балдарыбыз чоңойгуча бутка туруп алсак, эл катары жашасак, менин жетимдигим билинбей калат эле…

- Кам санаба жаным, баары ойдогудай болот.

- Тилегибизди берсин кудайым, - Экөө эки кызы менен тамактанып отурушту.

Аида келген жок, ал келечегин ойлонуп жатты, бирок анын жаштыгы алдыда боло турган тоскоолдуктарга туруштук береби же далай ирээт Азизге таарынып, далай жолу андан көңүлү калса да аны өзү сүйөөрүн мойнуна алып акыры турмуш арабасын бирге сүйрөөгө баш ийип калганда дагы бир орчундуу тоскоолдук экөөнү бир аралдын эки өйүзүнө таштап коеорун сезбеди. Эртеси күндөгүдөй эле жумушуна эрте барды, бирге иштеген кыздар ага жылмая карашып кардарлар келгенче эрмектемек болду.

- Аида, жигитиң сулуу экен, - деди улуураак кыз Жамила.

- Бирок улуу көрүнөт.

- Бири-бирин сүйсө болду да.

- Ооба, сүйүү деген адамды сууга чөкпөс, атса өлбөс кылып коет тура, эгерде көңүлүң калса сүйүүдөн өткөн жексур жоктой өкүнөсүң, айтчы качан үйлөнөсүңөр ыя?

- Али сүйлөшө элекпиз.

- Көрдүңбү, үйлөнүүгө сунуш жасабаганы дагы көпкө сынамак болгону, эркектер ушундай жаман калк, балким аялы дагы бардыр.

- Койсоңчу, Аида капа болуп калат.

- Эмнеге, мен Аиданы капа кылгым келбейт, бирок эскертип коюум керек, байкап жүргөнү жакшы, эгерде үйлөнө турган ою болбосо дароо төшөккө сүйрөйт, абайлап жүр, - деп Жамила бежиреп жатты.

- Сүйгөн адамы жөнүндө мындай жаман сөз угуу кимге болбосун жагымсыз болсо керек, - деп жактыра бербей Гүлира ары басып кетти.

- Эч нерсе эмес, мен баарын уккум келет, түшүнө билем, сүйгөнү үчүн жигит баарына барса керек, - деди Аида ойлуу.

- Ооба, сен азаматсың Аида, өзүң сынап көрөсүң да, - дешип кыздар тамак даяр болуп кардарлар келип калган кезде баары тарап кетти. Аида кыялында Азизди сынамак болду, арадан он чакты күн өткөндө ал ашкананын артындагы кыз менен алмашып келээр күнү чыкпай отурду, Азиз кафеге кирип келип Аиданы сурады эле:

- Сиз уга элексизби? - деди кыз.

- Эмнени?

- Аиданы айыл тарапка ала качып кетиптир го?

- Качан, кайсы айылга, ал жаш эмеспи? - Азиз кайсалактап жиберди, - Дарегин билбейсизби, чоң кыз?

- Жок.

- Канча күн болду?

- Үч күн.

- Чорт! - деп алды да арт жакка кайрылып кетти.

Гүлира каткырыгын зорго басып Аидага жетти.

- Байкушка катуу удар болду, мээсине кан куюлуп кетпесе болду, - деп кыткылыктап жатты, - Сенин жигитиң чын сүйсө керек, жаман болуп кетти.

- Көрөбүз эмне болгонун, - деп Аида жылмайып тим болду. Аида өтө сулуу болбосо дагы жылдыздуу кыз болчу. Көздөрү бакыракай, жүзүндө болоор-болбос майда сепкилдери болгону менен мүнөзү жумшак, боорукер кыз. Апасына боор ооручу, атасынын сүрөтү да жоктугуна өкүнүп: "Жок дегенде сүрөтү болсо атамдын кандай адам экенин көрөт элем, чоң энем жакшы болгондо апам аерден кетпейт эле", - деп өкүнүп алат. Бүгүн Азизге боору ооруп: "Эми келбей калат го, менден түңүлгөндүр, күйөөгө тийип кеткен кызды ойломок беле, тамашалап коюп өзүм сагынам го, ушул бойдон жолукпай каламбы?", - деп жумушунда жүрүп сары санаа болуп жатты. Кечке кыжаалат болуп үйүнө келди. Жайлоокан кызынын бирде жаркылдап бактылуу болуп, бирде капалуу келгенине ичтен сызып калды, бирок Айбектин көзүнчө эч нерсе дебеди. Аида алар менен чогуу отурса дагы ой-санаасы башка жакта жүргөнүн да байкады. Эне-бала тымызын көз караштары менен сүйлөшүп тим болушту.

Ошол жылы Ырыскелди басып калганда үйүнүн ремонтун толук бүтүштү. Жайлоокан үйүнө буюм алуу үчүн базарда жүргөн, баласын Алидага таштап Аминаны ээрчитип алып Мадина базарында терезе пардаларды тандап жүрсө:

- Ай, сен Жайлоокансыңбы? - деди бир аял, ал таежеси Алмагүл эле, бурула берген Жайлоокан дароо эле тааныды, картая түшкөнү менен бактылуу байбиче болуп кийбегенди кийинип, жанында келини кошо жүргөн эле.

- Аа-а таеже…

- Садагаң болоюн десе, бир кайрылып барбадың, же дайныңды билбей абдан ойлондум, кыздарың чоңоюп калдыбы?

- Чоңойду таеже, кудайга шүгүр, - Жайлоокан суз жооп берип салкын учурашты.

- Капырай, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген бар, ушунча капа болгон экенсиң да, кара чечекейимдин кызысың, кел кучактап бир өөп коеюн, - деп калп болсо да кучак жайды Алмагүл.

- Эсте калаар жакшы сөз айткан болсоңуз көөнүмдө калат беле, кара чечекейиңдин кызын азап менен тозокко салганыңды кантип унутам, таеже? - Жайлоокан көздөрүнө жаш толо карады, - Беш-алты жашымда ата-энем барындагы гана бактылуу кезим көз алдымда, андан кийин көз жашым кургаган жок эле го?

- Кечир кызым, мен сени ошол эжемди жеп-жутту деп эле жаман көрсөм керек, эми ойлонуп өзүм уялам.

- Баары өттү-кетти…

- Ботом бул сенин кызыңбы? - Аминага карады, - Кел-келе гой.

- Ооба, менин үчүнчү кызым.

- Садага болоюн десе, бүгүн мени менен Айкандын үйүнө бар ээ, кенен-кесир сүйлөшөлү.

- Жок, бара албайм таеже, үйдө күйөөм, жаш балам бар.

- Капырай, анда сенин үйүңдү көрүп алайын, көрүп алсам катташып турганга жакшы эмеспи, бөлөлөрүң менен катышып ал, - деп Алмагүл Аминага таттуу алып берип жаракөрлөнүп жатты.

- Макул, менин үйүмө барыңыз, - Жайлоокан аргасыз макул болду, алчусун алып, конок күтүүгө эт-аш алды да үйүнө жөнөдү. Алмагүл келинин үйүнө жөнөтүп ийип өзү Жайлоокан менен жөнөдү.

- Күйөөгө тийип алып жакшы кылыпсың, кайненең жаман акыбалда, неберелери экөө тең чоңоюп үйлөнгөн, улуу келини жакшы карабайт имиш, арман кылат экен, Жайлоокандын кусуруна калдым деп, төшөктө имиш, - Алмагүл бежиреп келе жатты, Жайлоокан укса да укмаксан болуп үйүнө келди. Алмагүл Ырыскелдини ойнотуп сыртта жүргөн Алиданы өөп, Ырыскелдини өөп колдоруна акча карматты, Жайлоокан унчукпады, ичкери киргизди, - Айла-анайындар десе, чоңоюп калган тура, күйөө бала кайда иштейт, Жакин?

- Базарда эле.

- Өзүңөрдүн үйүңөрбү?

- Ооба.

- Кудай жар болсун, жалгыздын жары кудай деген, балдарыңды чоңойтуп алсаң ошол сенин бактың садага, - Алмагүл үй ичине көз жиберип, Жайлоокандын тынып-тынчып калганын сезди, балалыгында жакшы сөз айтып, маңдайынан сылабаганына ичинен өкүнүп турду: "Бекер кылган экенмин, көрсө жетим да жетилип адам болот тура, эжемди ушул өлтүргөнсүп эле жек көрө берчү элем, адам деген өткөнүнө өкүнгөндө кеч болуп калат тура", - деп аста гана үшкүрүнүп койду. Айбек келип Алмагүлдү көрүп учурашты да уулун эркелетип, шынаарлай жанына отуруп алган Аминага карап чачынан сылап өөп:

- Муну алып шоколад алып же дагы, Ырыска да ала кел, - деди.

- Ооба, - деп Амина жүгүрүп кетти.

- Кайсы айылдан болосуң, айланайын? - деди Алмагүл ага.

- Баетовдон.

- Ийе кокуй, биздин эле коңшу айылдан экенсиң да, ким дегендин баласысың, садага?

- Үсөнбайдын.

- Кайсынысы, ботом? - дегенде Жайлоокан менен Айбек тиктешип калды, - Бир баласы киши өлтүрүп камалып кетти деди эле.

- Ошол менмин.

- Ии-ий, - Алмагүл унчукпай отуруп калды, Айбек ичинен: "Чындыкты айтканым жакшы эмеспи, жашырганда эмне, Жайлоокан билет, башкасынын мааниси жок", - деп ойлонуп алды.

- Таеже, тамактан алыңыз, - деп Жайлоокан сөздү башка жакка буруп жиберди.

- Алып жатам садага, мен күчтүү тамак ичпейм, өтүм ооругандан улам майлуу тамак ичпе деген доктурлар.

- Кайнатма жасадым, таеже.

- Макул кара жаным, аз-аздап ичейин, баса сенин балдарыңды кайнатаң үйлөнттү деп уктум, - деп Айбекке кайрылды, - Аялың болсо менин кудама тийген, ал жеткен көпөс экен, анын үстүнө дагы аял алып алды дейт, кичүү келини менин кызым.

- Кайсы? - Жайлоокан суроолуу карады.

- Тажиканды Зарипжандын кичүү уулу алган, үч баласы бар, экинчи аялына келиштирип там салдырып берген дейт, анысы эркек бала төрөп берген имиш, - Алмагүлдүн сөздөрү ага жакпаса да аргасыз үндөбөй угуп отурушту, Жайлоокандын жини келди, бирок эчтеке дей албады, - Улуу балаң жакында аялынан ажырашыптыр деп уктум, биздин коңшубуздун кызын алган эле да.

- Эмнеге ажырашат? - Айбек эми Алмагүлдү карады.

- Ким билсин, шаарда деп жүргөн, келин таятасыныкында болчу, кемпир ооруп калып ошону карап жүргөн, жакында ачык эле мен сени менен жашай албайм деп үйүнө кетирип ийген экен, ал төркүнүнө эки күн туруп эле шаарга баса берди дейт.

- Жаман болуптур, жаштар эмнеге ажырашат десең, - Жайлоокан кейиген болду. Ошентип жаңылыкты жабыратып коюп Алмагүл төркү бөлмөгө эс алууга кирди, Аида келгени менен таежесин жаман көрүп жакшы кабыл албай койду, анткени кичинекейинде ал Жайлооканды урушканын билет, бала болсо да эсинде болчу. Алмагүлдү эртеси маршруткага салып койду Жайлоокан. Бир көйнөк, жоолук салды, кетээринде:

- Эми сен энесиң садага, апаңдын сага деген буюму бар эле, баягыда берейин деп унутуп калыпмын, эмки келгенде алып келип берем, - деди.

- Эмне буюм экен?

- Кат болсо керек, сени чоңойгондо окусун деген, атаңдын бир иниси бар, ошол сени кийин издеп келип таппай калды, ошого жолуксаң болот эле.

- Кайда турат экен, бир тууганы жок эле го?

- Бар болчу, таарынышып кеткен.

- Өлгөндө келди беле, аты ким?

- Келбей анан, сен анда жашсың, сени кучактап ыйлаганын билбей калсаң керек, - дегенде Жайлоокан атасы өлгөндөгү эсинде калганын эстемек болуп көз алдына келтирүүгө аракет кылды, ошондо үстүңкү эрдинин сол жагында капкара калы бар адам келип кучактап өпкөнү эсине келди.

- Мен аны тааныйм, аны мен көрүп эле жүрөм, - деп жибергенин билбей да калды.

- Кайдан көрүп жүрөсүң, атаң экөө күнү батчы, атасы бөлөк, аты Туку.

- Базардан, улгайган адам, менимче майда барат сатат, - деди Жайлоокан ойлуу. Алмагүлдү узатып коюп үйүнө кирди дагы кийинип алып базарга жөнөдү, күндө көрүп жүргөн адам бир тууган агасы бар экенин ойлогондо атасын тапкандай болду, бирок ал чыныгы атасы экенин ал апасы таштаган катты окугандан кийин түшүнөрүн азыр ойлогон жок. Шашыла базарга келип таппай калды. Жанындагы адамдан сурады:

- Аба, бул жерде отурчу адам чыкпай калдыбы?

- Кайсы, Тургунаалыны айтасыңбы?

- Ооба.

- Ал ооруп калса керек, үйбүлөсү жок адам болчу, менимче ооруканада, - деди тигил адам.

- Үйбүлөсү жок беле?

- Ооба, мен көптөн бери билем, аял албаптыр.

- Ошондой бекен?

- Ооба кызым, аны эмнеге сурап калдың?

- Менин агам болот, кантип табаар экенмин?

- Эртең кабар алчы кызым, менин бир таанышым аны менен жакшы эле, - деди тигил адам боору ооругандай.

- Макул аба, мен эртең келем.

- Мен кабарын билип коем, - дегенде Жайлоокан рахмат айтып жөнөй берди.

Алмагүл негедир шашылыш айылга барды да, кайра эле үч-төрт күндө жетип келди, аны көргөн Жайлоокан таңгалып, бирок билмексен болуп тосуп алды.

- Сага бул аманатты берип коеюн дедим, азыр ой токтотуп калдың, кыздарың бой жетип калды, - деп ак чүпөрөккө оролгон төрт бурчтук дептер сыяктуу буюмду берди, - Муну апаң катуу ооруп калганда жазган экен, кийин өлөөрүндө мага берген эле, сөзсүз Жакинге бергин, ак-караны таанып калганда түшүнөөр мени, - деген, садага.

- Эмне экен? - Жайлоокан ак матанын саргайып калганын көрүп өзүнүн жашын, апасынын өлгөнүн эстеди, ороонун сыртында байланган кызыл лента бар экен, ал дагы эскирип калыптыр.

- Сага апаң атайын жазып калтырган сөзү бар, мен деле ачып көргөнүм жок, муну эч кимге көрсөтпөй окушуң керек, айланайын.

- Кызык экен, ошончолук эле табышмакпы?

- Ким билет, өзүң көрөсүң да, - деп Алмагүл унчукпай калды, Жайлоокан аны аста кармап сылай ойлуу аркы бөлмөгө кирди да бекем катып коюп чай койду, андан кийин тамак жасады.

Аңгыча Айбек, Аидалар келип калды. Чогуу отуруп тамактанган соң жатууга кам урушту, Алмагүл ал күнү түнөп алып кайра кетти, дептердин ички кызыгына куштар болуп окугусу келген Жайлоокан баары кеткенден кийин дароо кирип койгон ордунан алып бир топко сылап-сыйпап: "Алтыным апакем, сен мага эмнени жазып таштадың экен, балким бакыт каалагандырсың, балким… ", - Ойдон адаша түштү, ошол убакта Ырыскелдини жетелеген Амина кирди:

- Апа, Ырыс ыйлап жатат.

- Карды ачты го, чай берчи.

- Апа, мен ойнойм, - Амина жүгүрүп чыгып кетип калды.

- Каралдым десе, кайдың ачтыбы? - Уулун кучактап чопулдата өөп алды да кардын тойгузду, чулдурап тили жакшы чыга элек уулун бир аз эшикте жетелеп жүрүп анан Алиданы чакырып кошуп берди.

- Апа, анан мен мектеп жакка ойноп келейинби?

- Эмнеге?

- Концерт болот экен, шайлоого карата.

- Макул, барсаң барып кел, Ырысты өзүмө берип кет.

- Ооба, - деп Алида Ырыскелдини көтөрүп ары карай басып кетти. Жайлоокан: "Неге эле жүрөгүм түпөйүлдөнөт, кудай сактаса экен", - деп кайра үйгө кирди да оролгон матаны бир сылап коюп лентаны чечти, лентанын орду аппак болуп ошол бойдон, Жайлоокан ачмак болду эле, баштык экен, чыгарып алып ичинен дагы оролгонун көрдү. Ачса чоң общий тетрадь экен. Биринчи бетин ачканда апасы менен жанагы издеп барган Туку деген экөөнүн жапжаш кезиндеги сүрөтү чапталыптыр. Астында:

Бактылуу күндөр аз болот.

Сүйгөнүңө жетпесең.

Өзүңдү алдап не керек.

Сүйүүнүн баркын билбесең, - деген ыр жазылыптыр. Селдейе экөөнү карап отура берди, Толкунай сулуу аял эле, көздөрү жалжылдап өзүнчө күйүп турчу: "Байкуш апакем, жаш өлүп калдың, тирүү болгонуңда кандай гана сонун болмок, мен азап тартып жетимчиликтин азабын тартмак эмесмин, жаткан жериң жайлуу болсун апа, атам экөөңөр биргесиңерби?", - деп ойлоп эмнеге атасы менен эмес кайниси менен түшкөнүнө түшүнө албай сүрөттөгү бири-бирине жанаша бактылуу жылмайган эки жашты карап отура берди. Аттиң, адам сүрөттө гана жапжаш бойдон кала берет тура, эгерде Толкунай азыр тирүү болсо алтымышта болмок экен. Көптө барып баракты ачып окуй баштады: "Садагам кызым, - башталыптыр, - Менин сага айтаар сөзүм бар, сен менин жалгызымсың, эгерде дагы жашай түшсөм балким инилүү же сиңдилүү болоор белең, бирок мени өз намысым тирүү жүргөндөн өлгөн артык деп жатат"… Жайлоокан таңгалып алды: "Неге, неге намысы, күнөөсү кайсы эле", - деп ойлонуп андан ары окуй баштады, Толкунай башынан баштап жазган экен…

***

Толкунай атасы жок жалгыз апасынын бир тууганынын колунда чоңойду, эмнеден экенин билбейт, апасын өлдү деп коюшкан. Тагасы Сейитбек кызды жакшы өстүрдү, аялы Азимбү дагы жакшы аял болчу, балдарынан кем көрбөдү, чоңоюп үчүнчү класста окуп жатканда бирге окуган классташы Айбарчын менен уруша кетип ал Толкунайды балдардын көзүнчө:

- Сенин апаң түрмөдө, ал сенин атаңды өлтүргөн, сени кошпойбуз, - деди эки колу менен бетин ээликтей.

- Айбарчын, азыр өлтүрүп коем, сен калпычы!

- Калп айтпай эле, сенин апаңдын түрмөдө экенин баары билишет.

- Калп! - Толкунай Айбарчынды түртүп ийди, - Эмнеге калп айтасың?

- Элина, айтып койчу ээ, Толкунайдын апасы түрмөдө.

- Ооба, тайкеңден сура керек болсо.

- Калп, калп! - деген Толкунай ыйлап үйүн көздөй жүгүрүп кетип жатты, короодон ыйлап кирген Толкунайды Азимбү тосуп алды.

- Эмне болду, кызым?

- Эмнеге калп айтасыңар, апам түрмөдө экен го, атамды апам өлтүргөн экен го? - деп баш аягы жок сүйлөп соолуктай берди.

- Ким айтып жүрөт, кой кызым айта беришет, ыйлабагын ээ? - деп көз жашын аарчып кирди.

- Ыкы, ошентип айтышпадыбы, алар калп айтпайт, мен апамды жек көрөм, жек көрө-өм! - деп өксүп жатты. Сейитбек анын үнүн угуп үйдөн чыга калды.

- Кызым, сага эмне болду?

- Мен апамды жаман көрөм, ал атамды эмнеге өлтүрдү? - Толкунай кайрадан өңгүрөп кирди, экөө эптеп жатып сооротуп түшүндүрүүгө аракеттенип жатты:

- Сенин апаң түрмөдө экени ырас кызым, бирок атаңды ал өлтүргөн эмес, жалган жала менен камап койгон.

- Ооба кызым, атаңды кантип өлтүрмөк эле? - дешип эптеп сооротушту. Толкунай көпкө унчукпай отурду да:

- Мен эми мектепке барбайм, - деди.

- Эмнеге, окууң жакшы, сабакка барбай калсаң болбойт, окушуң керек кызым, - Экөө эки жагына отуруп алып чачынан сылап эркелетип жатты, бир кезде андан улуу кызы келип Толкунайды ээрчитип чыгып кетти. Ошентип анын тозоктуу күндөрү башталды, мектепке келсе эле аны карап шыбырашып шыңкылдап күлүшөт. Акыры мектепке барганын таптакыр койду. Сейитбек директоруна барып сүйлөшкөн соң гана ага эч ким унчукпай калды. Он жаштагы кыз бат чоңойгондой болду, токтоо тартып, ой басып калды, жыл өтүп алмашып отуруп тагасынын жардамы менен педучилищага кирип окуп калды. Экинчи курста Тургунаалы менен таанышып калды, ал дагы шаарда иштейт экен, экөө бат эле бири-бирине көнүп кетти, көп узабай бири-бирисиз жашай албай турган болуп калышты. Бир күнү Тургунаалы аны өзүнүн жатаканасына алып барды:

- Сен жалгыз турасыңбы? - Толкунай чоочулай сурады.

- Эмне, коркосуңбу?

- Жо-ок.

- Толкун, мен сени сүйөм, сенсиз жашай да албайм, бүгүн мени менен кал, балким үйлөнүп да алаарбыз, - деди кызды имере тартып.

- Туку, жигит менен жаш кыз ээн калса жаман болот деген менин таажеңем.

- Ой кызык, эмнеге жаман болмок эле? - Тургунаалы каткырып алды, - Кой коркпой эле отура бер, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, туурабы?

- Ооба дечи, бирок коркуп жатам.

- Коркпо, мен сага тийбейм.

- Мен кете берейинчи…

- Бүгүн менин коногум болосуң, - Тургунаалы кызды кетирбей алып калды.

Ошол күнү алар бирге болушту, кыз өз макулдугу менен сүйгөнүнө өзүн арнап койду, эртеси денеси салмактанып ооруса да эптеп окуусуна барды. Ал өкүнгөн жок, өз сүйгөнүнө арналганына ыраазы. Тургунаалы ошондон үч күндөн кийин келбей калды, күтүп-күтүп көзү тунарып, көз жашы көлдөп күтүп жүрүп бир ай өтүп кетти. Толкунай түңүлүп калды: "Мени алдаган экен, кайда кетип калды экен акмак, ал мени сүйөм деп калп айткан экен", - деп боздоп үч күн жатты. Тургунаалы ал кезде үч жылдык аскерде болчу, Тургунаалыны аскерге чакыртып кеткен, шашылыш кетип калып Толкунайга жолуга албай кеткен эле. Ошентип бир жылдай кабарсыз кетти, кийинки жылы училищаны бүтүп эми жолдомо менен кеткени жатканда аны Туйгунаалы ала качып кетти.

Толкунай өксүдү, бакырды, сүйгөнүм бар деп жалдырады, ага боор ооруган эч ким болбоду, акыры отуруп калды, кыз болбой калганына Туйгунаалы абдан өкүнүп бирок үн деген жок. Өзү көп сүйлөбөгөн бир мүнөздүү жигит болчу. Ошол жылы аскерден Тургунаалы келип калды, аны көргөн Толкунайдын таңгалганынан колундагы идиши түшүп кетти.

- Толкун, бул менин иним, экөөбүз бир жаштан элебиз.

- Жакшы-ы, - Ары көздөй басып баратты.

- Жалгыз иним, ата-энебиз жок, бири-бирибизге жөлөк болчу экөөбүзбүз. Сен жактырбай калдыңбы, Толкун? - Туйгунаалы келинчегинин алдын тосту, - Сага эмне болду?

- Эч нерсе, болуптур эми.

- Алтыным десе, иним аскерден келди, эл чакырып түлөө беришибиз керек, - деди да эчки алып келгенге кетти.

Сыртта жүргөн Тургунаалы кирип келди:

- Толкун, мени кечир, кокустан аскерге чакырып кетпедиби, бара албай калдым.

- Болоору болду, бирок менин жүрөгүмдө жалгыз сен гана жашайсың, кантип өмүр өтөт, айтчы бай болгур? - Толкун көз жашын салаалата карады.

- Менин дагы, менин дагы жүрөгүм сени гана каалайт, биз жакын туруп алыс болуп кандайча жашайбыз?

- Мен эмне кылышым керек?

- Айла жок, бир тууган агам, жашыруун сыр жашыруун бойдон калсын.

- Ошондойбу, мен өмүр бою жүрөгүм жаралуу болуп жүрүп өтүп кетемби, агаңды чынын айтсам көргүм да келбейт…

- Биз эми башка адамдарбыз, тагдырыбыз бөлүп турса арга канча, - деди да эшикке чыгып кетти. Толкунай жатып алып ыйлап-ыйлап басылды да күйөөсү келгенче өзүнө келип жоолугун оңдой салып мисирээ отуруп калды. Түш ченде келген Туйгунаалы эчкини союп, коңшу-колоңун чакырып түлөө өткөрдү, келгендер экөөнө баталарын берип алкап да жатышты.

- Айла-анайындар, бири-бириңе өбөк-жөлөк болот деген ушу, атанын баласы деп силерди айтса болот, эми экөөң эки жерди гүлдөтүп, бала-чакалуу болуп ылайым бактылуу болгула!

- Ата-бабанын арбагы колдосун!

- Аман болгула балдарым, - дешип жабыла бата берип үй-үйлөрүнө тарашты. Туйгунаалы колхоздо тракторист болуп иштөөчү, керээлди кечке үй бетин көрбөйт. Тургунаалы болсо аскерден келип үйдө болуп калды. Бир аз теңтуштары менен жолугуп кайра келет, Толкунай экөө эки бөлмөдө. Билинбей бир жыл өттү, бирок Тургунаалы иштебеди, бир күнү Туйгунаалы инисине:

- Туку, эми сен иштешиң керек, бир жыл иштеп анан үйлөн, сага үй салып берейин, - деди.

- Аке, мен шаарга эле кетсем кантет?

- Эмнеге?

- Бул жерде эмне бар, шаарда көнгөн заводдо иштей берем да.

- Качан үйлөнөсүң анан?

- Көрөбүз да, балким үйлөнүүнүн кереги жоктур? - деп Толкунайды карады эле ал жер карап экөөнө чай куюп берип сыртка чыгып кетти.

- Эмнеге, айылда жакшы кыздар толтура, алыбызга жараша бирөөнүн кызына үйлөнүп анан кет, туугандар турат, - деди Туйгунаалы.

- Жок, азыр үйлөнбөйм, бир жумадан кийин кетем.

- Макул анда, сага кеткенге жол кире дайындайын, мен кеттим, - деп чыгып кетти.

Толкунай күйөөсү чыгып кеткенден кийин дасторконун жыйнап жаткан, артынан келип Тургунаалы кучактап калды.

- Сен жинди болдуңбу?

- Жинди болуп баратам, сенсиз кантип жашаарымды билбейм, сен агамдын койнунда жатканыңда түнү бою уктай албай тозоктуу түн өткөрчү болдум, - деп аймалап жатып калды.

Кантсин анан, Толкунай да өзү сүйгөн адамынын тааныш жытынан башы айланып бекем кучактап жатып калды, кечке экөө кучакташып жата беришти, бир кезде сырттан ышкырык чыкты эле кийине калып Тургунаалы чыга калды. Теңтуш баласы Абди экен.

- Туку, жүрү карта ойнойбуз.

- Азыр, - деп кайра кирип костюмун үстүнө жаба Толкунайды бекем кучактап өөп алды да чыгып кетти. Кечке маал Туйгунаалы келип:

- Туку жокпу? - деди келинчегине.

- Эртең менен чыгып кеткен.

- Аа-а, жүргөндүр анда, акча таап келдим, барса-барсын.

- Айлык алдыңбы?

- Аванс сурадым.

- Ийи, - деп койду Толкунай кош көңүл, анын көз алдында жүрөгү сүйгөн адамы турду, анын алыска кетип калаарын ойлогондо ичи ачышып ыйлагысы келди, жанталашып андан калбай алыска-алыска бирге кетип калгысы келди, бирок никелеп алган жарынын көзүнчө унчукпады, баарын ичине катып жүрөгү сыздап жатты. Тургунаалы кеч келип төркү бөлмөгө кирип жатып алды. Ал атайын кеч келген. Эртең менен Туйгунаалы жумушка кетип жатып:

- Туку, акча алып келип койдум, шаарга кетсең камына бер, - деди ойготуп.

- Макул, эки күндөн кийин кетем.

- Болуптур, мен жумушка кеттим, айдоого кетип жатам, - деп чыгып кетет.

Тургунаалы агасы кетээри менен эшикке чыгып келди да жеңесинин койнуна култ этип кирип кетти.

- Ушул туура деп ойлойсуңбу?

- Анан кантем, бир жыл чыдадым, сени көрүп туруп өзүмдү кармай албай баратам, эртеби-кечпи билинип калышы мүмкүн, ошондуктан кетүүм керек, - Тургунаалы келинди кучактап өпкүлөп жатып сүйлөдү.

- Сен кетсең мен кантем? - Эркелей наздуу кучактап алып мойнунан бекем кучактап алып көкүрөгүнөн шуулдата жыттап алды, - Мени ала кетчи.

- Кантип, эл эмне дейт, агама жаман болот го?

- А менчи, мени ойлобойсуңбу?

- Агама чыккынчылык кыла албайм.

- А булчу, чыккынчылык болбойбу?

- Бул төшөк ичинде, экөөбүздүн ичибизде калат.

- Өмүр бою ушинтип жүрүп өтөмбү?

- Арга канча, мен үйлөнбөйм, сени гана ойлонуп жашап келем, сен менин жашоом, өмүрүмсүң жаным, - деп Тургунаалы келиндин жан дүйнөсүн сыздаткан сөздөрдү сүйлөгөнү менен, ырахатка бөлөп лаззатка бөлөп жан талаша бири-бирин сыйпалап төшөк ичинде махабат көлүндө чумкуп түш оогуча жатышты. Деги эле алардын үйүнө эч ким кирчү эмес, Толкунай өзү анча-мынчалар менен сүйлөшүп же мамиле жасачу эмес, бир гана коңшусунун келини Айзат менен сүйлөшүп калчу, эшиктеги ити үргөнүнөн чыкса Айзат экен.

- Кел, - деди ага Толкунай.

- Сен түшкө чейин уктай бересиңби?

- Кылаар иш болбосо эмне кылам, - Жылмая күлүп койду.

- Кайната-кайненеңдин жогу кандай жакшы, эртеден кечке колумду бошотпойт, жатмак турсун отура албайм.

- Күйөөң иштеби?

- Ооба, ал иштейт.

- Жөн-жай келдиң беле?

- Ооба.

- Жүр үйгө кир.

- Жок ай, ушундай эле туралычы.

- Нан ооз тийбейсиңби?

- Кайненем көрсө айылчысың деп урушат.

- Ошончо жаманбы?

- Аябай жаман, кылдан кыйкым таба берет, - Айзат арыз-арманын айтып көпкө турду.

- Кайнене ошондой болоттур да, мен кечке жалгыз зеригем, - деди Толкунай үйдөгү жан кумарын кандырган сүйгөнү көз алдына тартыла коңшусун бат эле кетсе экен дегендей.

- Кайниң бар го?

- Ал эркек неме, эрте кетет, кеч келет, бар жогу баары бир.

- Качан үйлөнөт кайниң?

- Ийи?

- Өткөндөчү, сенин кайниңе Салия ашык болуп калыптыр, мени тааныштыр дейт, күйөөм өлтүрүп койбойбу?

- Кызганчаакпы?

- Укмуш, бирөөгө карап койсоң эле болду, итиреңдеп кирет, - Өзүнчө кудуңдап койду, - Эч кимге ыраа көрбөйм, сен дагы мени эч кимге алмаштырба, мен дагы башка аялга алмаштырбайм дей берет.

- Сени катуу сүйөт го анда.

- Сүйлөшүп жүрчүбүз да, ошондо деле ким менен сүйлөштүң, сага ким тийишти, менден эчтеке жашырба, эгер жашырсаң көрөсүң дечү да.

- Чынында сүйөт экен.

- Сенчи, күйөөң менен сүйлөштүң беле?

- Жо-ок, көрбөй эле ала качып алган.

- Анан кантип жашап жатасыңар?

- Жашаса болбойбу?

- Деги айтам да.

- Сүйүү-сүйүү дешет, мен дегеле ишенбейм, - деди ойлуу Толкунай алысты карады: "Мен сүйүүдөн көңүлүм калган жанмын, кудайга күнөөкөр болуп никелүү эримдин жатындашы менен бир төшөктө жатам, ал бечара өз бир тууганына ишенип жүрөт, балким Туку шаарга кетип калса биздин жашообуз ордуна келээр, көнүп калаармын, бирок муну менен жаткандан бери аны көргүм келбей калды, эмне болоор экен, Туйгун билбей калабы же", - деп ойлонуп турганда:

- Сен эмнени ойлонуп калдың? - деди Айзат анын оюн буза.

- Эчтекени, жүрү үйгө кирип отуралычы.

- Жо-ок кеттим, көпкө туруп калдым, - деп Айзат кетмек болду.

- Нан ооз тий, - Толкунай үйгө кирип нан алып чыкты, - Кир десем болбойсуң.

- Рахмат, кайненем ар жакка кеткен, келип калбасын.

- Макул анда келип тур.

- Жакшы тур.

- Жакшы бар, - деп эки келин бири-бири менен коштошо бөлүнүштү.

- Коңшуң эмнеге келиптир? - Тургунаалы суроо узатты.

- Жөн эле, зериккенден келген го?

- Аа-а.

- Бир жакка барасыңбы?

- Ооба, көздөн далдаа болоюн, эки күн сагынчымды таратып алып сени менен түбөлүк коштошууга болот.

- Ошондойбу?

- Ошондой, жаным.

- Мен азыр сенин жаның эмесмин.

- Дал ошондон чарчадым.

- Бирге кетип калалычы?

- Жок болбойт, агам намыстанып өлүп калат.

- Менчи, мен өлбөймбү?

- Сен мени күтөсүң.

- Кандай үмүт менен?

- Сагынганда жетип келем өзүңө.

- Кабыл ала албайм.

- Неге?

- Бир жаңылдым, никелүү эримдин көзүнө чөп салдым, эми жаңылбаска тобо кылам, ушул бойдон бизге келчү болбо, жүрөгүмдүн жарасын сыйрып көкүрөк дартымды козгоп, кайрадан жашоомдо пайда болушуңду каалабайм.

- Өтө зериксең.

- Жеңил деп ойлодуң беле?

- Жок алтыным, сен никелүү башканын аялысың, арга жок эки жолго түшүүгө аргасызбыз, биз эми жолугушпайбыз, - деп Тургунаалы эшикти көздөй жөнөдү.

- Мен анда сенин артыңдан кетем.

- Кайда, эмнеге кетесиң, баары бир бир тууганымдын көөнү үчүн биз бирге боло албайбыз, жашырынып жашоого да болбойт, - Ал кайрылып ичкери кирди, - Толкунай, мени сүйсөң, мен десең агамдын көңүлүн оорутпа, ал мени жакшы көрөт, жаман ою жок пейли таза адамдын көңүлүнө кара так түшүрүүгө кантип болсун?

- Менчи, менин эзилип жашаганым сен үчүн баары бирби? - Толкунай ызалуу көздөрүнө тигилди, - Анын койнунда жатып сен деп ойлоп, сени эстеп, сенин кучагыңды эңсеп жүрүп өтүүм керекпи?

- Кечир Толкун, башка аргабыз жок! - деди да чыгып кетти, Толкунай буулуга үнсүз ыйлап туруп калды, ошол күнү Туйгунаалы келген жок, Тургунаалы акырын кирип өз бөлмөсүнө жатып алды, ал кеч келип агасы бар деп ойлогон эле. Үч күн бою келбей кайрак жер айдап жүрүп анан келди Туйгунаалы, дал ошол күнү Тургунаалы шаарга жөнөп кеткен болчу. Чарчап келип түндөсү жатып калды, эртеси гана билди инисинин кетип калганын.

- Эмнеге күтпөдү? - деп капаланды ал.

- Күттү го, балким шашылыш иши бардыр, бүгүн эрте кетти.

- Мейли эми, иштесе иштей берсин, үйлөн десе да болбоду.

- Жумушка барасыңбы?

- Жок, бүгүн эс алабыз.

- Аа-а, - Толкунай унчукпай калды.

- Толкун.

- Ийи?

- Бир сөз сурайынбы?

- Эмне сөз? Толкундун жүрөгү болк этип алды: "Бир нерседен шек санап калды бекен", - деп да ойлонуп жиберди.

- Эки жылга карап баратат, качан балалуу болобуз?

- Ошол элеби? - Толкунай күлүп жиберди.

- Башка сөз күттүң беле?

- Жо-ок, деги айтам да.

- Балалуу болгум келет, Толкун.

- Шашканда эмне, - деген менен өзү да ойлоно түштү: "Эмнеге боюма болбойт, чын эле эки жыл болуп баратат, али боюмда жок", - деп ойлоно түштү.

- Мейли, болоор буйруса, кудай берээрин унутпасын ээ? - деп Туйгунаалы аялынын ойлоно түшкөнүнөн улам кайра күлө көңүлүн жубата сүйлөдү, - Капа болгон жоксуңбу, Толкун?

- Эмнеге, капа болгондой сөз айттыңбы? - Жылмая караганда жүзүнөн ага болгон жек көрүү менен гана ыза көрүнүп турган.

Туйгунаалы анысын туйбады, акырын келип артынан кучактай:

- Алтыным, зериккен жоксуңбу, үйдө жалгызсың, - деп мойнунан жыттай бергенде келиндин бүткөн бою жыйрыла түштү, - Асылым менин, сени мага туш кылган жаратканга ыраазымын.

- Болду эми, - деди Толкун суз.

- Сагындыңбы?

- Ооба, эми түн эмес го?

- Тоскоол болчу эч ким жок.

- Койчу, бирөө келип калсачы?

- Келбейт, ким келмек эле, жүрү жаталычы.

- Туйгун, койчу эми.

- Койбойм, сен менин аялымсың, эч качан эч ким тоскоол боло албайт, - Туйгунаалы аны шап көтөрүп алып ички бөлмөгө кирип төшөккө уйпалап кирди.

- Туйгун, азыр болбойт.

- Эмнеге?

- Айызым бар.

- Качан…

- Бүгүн эле, үч-төрт күндөн кийин.

- Макул, өзүмдүн аялымсың, кайда качмак элең? - деп күлүп өпкүлөп кучактап көпкө жатты, аялдын амалы кырк эшекке жүк деген чын го, Толкунай андан ушинтип кутулду, оюна койсо жанына жолоткудай эмес.

Ошентип үч-төрт күндөн кийин чындап айызы келип дагы күтүп калды. Ошол убакта Туйгунаалыны жакага жер айдоого жөнөтүп жиберди, кетээрде туугандарынын кызын жанына коюп кетти ал. Он күндөн кийин келди, ошол кезде Толкунайдын тамакка табити тартпай кусуп калган, боюна болуп калганын билди, бирок ал Туйгунаалыдан эмес экенин сезди: "Мейли бирге боло албасам дагы баласы жанымда болсун, сүйүүмө жетпесем дагы андан эстелик калды", - деп жылмая ичин сыйпалап алды. Убакыт өтүп Толкунай кыз төрөдү, ал кезде тракторун таштап чабыр кой бакканга кирип алган Туйгунаалы, кызына бир ай болуп калган кезде Тургунаалы келип калды. Агасы ага кубана:

- Туку, карачы карындашыңды, сага куюп койгондой опокшош, - деди.

- Бир тууганым да, - деп Тургунаалы колуна алганда Толкунай астыртан жылмая карап койду, - Кана-кана, карындашым өзүмө окшош бекен, жеңе? - дегенде ал жалт карай берди.

- Ооба, аябай окшош.

- Апамдын дагы ушул жеринде калы бар эле, Туку апама окшош, мен атама окшошмун, - Туйгунаалы барбалактап жатты, аялы менен инисинин ички сырын ал кайдан билсин, атама окшошмун деп алып кайра кайсалактап калды, анткени аталары башка эмеспи.

- Тамак бышты, алып келейинби? - Толкунай күйөөсүн карады.

- Алып келбей анан, кызымдын агасы келгенде бербеген тамагыңды ичпей коебуз ээ кызым? - деп али көзүн зорго ачып эки жакты бейкапар кармаган наристени чоп эттире өөп койду.

- Атын ким койдуңар аке?

- Жайлоокан, жакшы бекен?

- Жакшы экен, жайлоодон төрөлгөмүн деп жүрөт экен го?

- Ооба, андан көрө үйлөнсөң боло, биз ансыз дагы жалгызбыз, балдарыбыз көбөйсө туугандар көбөйүп бир айыл болуп калабыз, - деди Туйгунаалы чын дилден.

- Убагы келээр…

- Качан, жыйырма алтыга чыктың, мен болсо отуздамын, балдарыбызды бир туугандай өстүрөбүз, бири-бирин сыйлаган туугандар болушат.

- Ооба, буйруса болот да… - Астыртан Толкунайды карады.

- Айылда кыз көп, акеси үйлөнөм десе бат эле табылат, - деп ал күлүп койду, - Бирок шаарда жөн жүргөн эместир, кызы даяр болсо керек?

- Ой-оой, жеңем кыз дагы таап койгон го, бирок аке үйлөнөйүн деген оюм жок, адегенде үйбүлө багыш үчүн баарын даярдап алуу керек, үй-жай алып алсам анан үйлөнөм го?

- Үй турат го, бир эки жыл биз менен турсаң жаныма үй салып берем, сени кантип таштап коймок элем? - деп Туйгунаалы инисине таарынгандай болду, мен сенин агаңмын, сен үчүн кам жей турган менмин.

- Билем аке, капаланбачы эми, учуру келгенде үйлөнөөрмүн.

- Качан келет, учурду күтүп отурсаң картайып кетээрсиң.

- Ачууланбачы аке, эки-үч күндө кайра кетем, ишим жакшы, буйруса баары жакшы болот, эрте үйлөнгөндө эмне…

- Өзүң бил, - деп унчукпай калды Туйгунаалы. Тамактанып өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Эртеси Туйгунаалы кой жайып кетти, күз болгондуктан койлор короого токтой элек эле, Тургунаалы агасы менен чыгып көпкө кой менен алышып сүйлөшүп жүрдү, бирок дале бир пикирге келе алышпады, кечинде келип койлорун короого камагандан кийин Туйгунаалыны коңшу короодогу койчу чайга чакырып калды, ал инисин жүрү дегенде болбой койду. Ал кетээри менен Толкунай экөө дароо жата кетишти. Ымыркай болбурап уйкуда.

- Сагынып кеттим.

- Арга канча.

- Кызың сеники, Туку.

- Билем.

- Кантип?

- Себеби атасы көп жолу айтканын укчумун.

- Эмне деп?

- Ай балам, ушу сен тукумсуз болуп каласың го деп.

- Ал эмне, билгич беле?

- Мен деле түшүнбөйм, баламын да, бирок агам катуу ооруп калганда өзү дарыланганын билем, тамыр кармачу.

- Аа-а, - Толкунай унчукпай бир аз жатты да, - Тур эми, келип калат, экөөбүздү тирүүлөй көмүп жүрбөсүн? - деп кыткылыктап күлүп калды, экөө тең оңдонуп отуруп калышты, - Эмки келгениңче уул төрөп коеюнбу?

- Ошент, агам кубанып жүрө берсин.

- Кызык, азыр кантип болмок эле, жаңы эле төрөбөдүмбү?

- Анда эми беш жылдан кийин келем, - деп өөп алып төркү бөлмөгө кирип кетти, койчуларга ылайыкталып салынган эки бөлмө кирпич үйдө турушчу. Туйгунаалы кеч келди, коңшулары менен бир аз ичип алгандай, бакылдап кирди:

- Толкун, Туку жатып алдыбы?

- Ооба, эбак эле жаткан.

- Бүгүн чарчады окшойт, коңшулар сага шорпо-эт берип ийишти, каап, Тукунун минтип уктап калганын кара, - деп кейип алды, - Мейли эс ала берсин, эртең менен ооз тийет.

- Ойготуп көр, - деди Толкунай жылмая.

- Кой, мени менен жүрүп чарчады.

- Макул анда, жаталы биз дагы, түндө бала ыйлап уйкудан калат экенмин.

- Жаталы, баса сенин кыркың чыктыбы? - деп күлүп койду Туйгунаалы.

- Уят эмеспи, - Толкунай жактыра бербей карады.

- Койдум эми, эртең Тукуга бир козу союп коноктоюн, кандай дейсиң?

- Жарайт атасы.

- Жаны го, кызым уктап жатабы?

- Азыр уйку да мунуку.

- Ан-на-анайын десе, - эңкейип наристени өөп койду да кыңкайып жатып коңурук тартып кирди. Толкунай ары-бери оодарылып уктай албай жата берди: "Кызык, ушундай да жашоо болот экен ээ, Туйгун баарын билип туурабы, атасынын айтканын кантип эле унутуп калсын, же билсе дагы билмексен болуп жүрөбү", - деп ойлоно берди. Таң кылайганда гана көзү илинип эми көшүлө уктап баратканда кызы чукуранып аны жөргөктөп, эмгизип жатып кайрадан уйкуга кирди. Аны Туйгунаалы ойготту:

- Толкун, койлор түндө короодон чыгып кетиптир, мен карап келейин.

- Кайда кетти экен?

Туйгунаалынын сөзүн угуп ойгонуп кеткен Тургунаалы дароо ич кийимчен туруп келип жеңесинин койнуна кирди, экөө махабаттын туу чокусуна чыгып, ырахатка бөлөнүп, дүйнөнүн анын ичинде жашоонун, өздөрүнө окшогон пенделердин өмүр сүрөөрүн ойлоруна албай кара терге түшө бири-бирин жанталаша өпкүлөп кумарга батып көптөн кийин гана эстери оой жатып калышты. Туйгунаалы түшкө жакын келди:

- Койлор бар бекен? - Толкунай аны көрүп сурады.

- Бар экен, оттоп жүрүшүптүр, эшиги бекем жабылбай калган окшойт, - деп үйгө кирди.

- Кайрып коюп эле келе бербейт белең, ачка жүрө бербей.

- Тойбосо жүрө берет да, жакындатып койдум, токтогончо жакшы оттобосо этинен азып кетет да мал.

- Койдон көрө тракторуң эле жакшы болчу, жайы-кышы тынчтык болбойт экен, өзүң эле кыйналдың го?

- Ээ алтыным, саргара жортсоң кызара бөртөсүң дейт го, кыйналсак да оозубуз майга толот, колубузда акча болот, чоңдорго жагабыз, көрдүңбү көп жагы бар, - деп Туйгунаалы күлүп койду.

- Кел эми, тамагыңды ичип ал.

- Тукуну тур дечи.

- Азыр, - Толкунай туруп барып кайра келди, - Ал жок го?

- Кайда кетти?

- Кайдан билем, балким ойго түшүп кеткендир.

- Эчтеке ичпей кете бергени эмнеси, ага козу союп берейин дебедим беле, - Туйгунаалы капа боло алдындагы тамакка кашык салды, - Сен анын кеткенин көргөн жоксуңбу?

- Уктап жатса керек деп ойлогом.

- Мейли, досторуна жолуккусу келген го?

- Сен козуңду союп кое бер, келсе аса коебуз.

- Ошентейин, - деп унчукпай калды. Тургунаалы короонун эле арт жагында эки жакты карап турган: "Ушинтип өмүр да өтүп баратат, баарына көз жумуп үйлөнүп алсамбы, балким жакшы жашап кетээрмин, Туйгун туура айтат, ансыз дагы жалгызбыз, апам экөөбүздү бириктирип, ынтымактуу болсун деп кандай далбастачу эле, эки атанын баласын бири-бирине камдаштыруу да кыйын эле. Анын үстүнө Туйгунду көп эле уруп койчумун, атама эрээркесем керек, баламын да-а, кийин атасына каттап калганда жинимдин келгеничи, апам байкуш гана айтып калчу эле", - деп ойлонуп оор дем алып алды да үйдү көздөй басты, чыгып келе жаткан Туйгунаалы аны көрө коюп, - Сен кайда кетип калдың? - деди.

- Жеңем уктап жаткан экен, эки жакты карап, сайдагы сууга жуунуп келдим.

- Аа-а, кирип тамагыңды ичип ал, анан экөөбүз козуну сое коелу, эрте жарыкта быша турган болсун.

- Козуну сойбой эле койчу, эт жеп эле жатабыз го?

- Ошо да болчу беле, башкарма мени мактап жатат, койлорум семиз, буйруса быйыл буларды өткөрүп тубар кой багам.

- Анча түйшүктүн эмне кереги бар, тынч эле үйүңө барып оокатыңды жасасаңарчы, малдын азабы да бар эмеспи.

- Жо-ок, өзүм суранып койчу болдум, эми кайткым келбейт.

- Өзүңөр билгиле, - деп ичке кирди. Түш оой козуну союп өздөрү баарын даярдады да эки коңшусун чакырды. Бака-шака болуп бир оокумга чейин отуруп, ырдап чордоп анан кайтышты. Эки күн туруп Тургунаалы кайра кетти, Толкунай экөө жакшылап коштошо алган жок, кайни жеңе катары коштошуп тим болушту. Билинбей эле арадан беш жыл өтүп кетти, Туйгунаалы инисинин келбегенине, үйлөнбөй жүргөнүнө кейип калат, анда Толкунай:

- Кайдан билесиң, шаардан үйлөнүп алгандыр эмдигиче, - деди ичтен кызганычы күчөп.

- Үйлөнсө алып келе бербейби анан?

- Кызык, мен кайдан билем, иниң сенин тилиңди албаса, мени укмак беле?

- Ооба, ал мени уккусу келбеди, күнүчүлүн дале кое элек, каны башкалыгын кылды.

- Эмне дейсиң? - Толкунай билмексен боло сурап койду.

- Биздин атабыз бөлөк, менин атам келип алып кеткенде да аябай жини келген, апам менен мен ооруп жатканда барып, барбай эле кой, менин атам өлдү, а сенин атаң бар, дегени эсимде, - Туйгунаалы улутунуп алды, - Апам бизди ынтымактуу болгула деп көп айтаар эле, улуулук кылып жакшы эле далбастадым, өзү билсин…

- Бөлөк болсо эмне экен, апаңар бир турбайбы?

- Аның ырас, инимди бөлөксүтпөйүн деген оюм да жок.

- Сенин атаң барбы?

- Кайдан, мен аскерге кеткенде көзү өтүп кетиптир.

- Бир туугандарыңчы?

- Кызы бар болчу, катташпай калдык.

- Билесиңби аны?

- Кайда экенин билбейм.

- Катышып алууң керек эле?

- Ал менден кичүү болчу, атама куран окуп барганда өгөй энем бар эле, Айсулуу күйөөгө тийип кеткен экен, ошол бойдон барганым жок.

- Барышың керек эле…

- Апа, эртең майрамда биз дагы көчөгө чыгабызбы? - деп сырттан Жайлоокан кирди, тыкылдап өтө тың кыз болгон, аны мээримин төгө караган Толкунай:

- Экөөбүз барабыз кызым, атаңдын колу бошобойт, - деди жылмайып күлүп кызын бетинен өбө, - Экөөбүз майрамдайбыз ээ кызым?

- Ооба, атам эмнеге барбайт?

- Койду ким кайтарат кызым, жакында төл башталат, - Туйгунаалы сөзгө кошулду, - Апаң экөөңөр майрамдап, анан мага арак алып келсеңер болду, уктуңбу кызым?

- Сиз жалгыз ичесизби?

- Жо-ок, коңшулар менен майрамдайбыз да.

- Апам макул болбойт, лимонад эле алып келбейлиби?

- Жо-ок кызым, майрамда арак ичебиз да.

- Макул кызым, - Толкунай кызына карады, - Атаңды майрамдатып коелу ээ?

- Ооба да, - Жайлоокан эдиреңдеп койду.

- Кызым быйыл окуйт, апасы ини төрөп бербей кызым жалгыз боло турган болду, - деп Туйгунаалы көптөн берки ичтеги сырын айтып калды.

- Болоор эми, Жакин бешке эми чыкты го?

- Ооба-ооба, бирок катар өсүп калат эле.

- Күтө тур эми, - деген Толкунай сырттан бирөөнүн кирип келе жаткан дабышын угуп кулак түрүп калды, - Жакин карачы, ким келе жатат?

- Кандайсыңар? - деп Жайлоокан чыкмак болгондо Тургунаалы кирип келди, - Май майрамыңар менен!

- Оо кел-кел Туку, ырас келбедиңби, - Туйгунаалы тура калып иниси менен кучакташа учурашты, - Кандай тынч-аман жүрөсүңбү?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар, оо Жакин чоң кыз болуп калган го? - деп Жайлооканды жерден так көтөрө эки бетинен өөп кайра түшүрдү да көтөргөн сумкасынан конфет, печенье алып чыкты, анан агасына көйнөк, жеңесине жоолук көйнөк алып чыкты, - Атайын силердин майрамыңарга келдим, келбегениме көп болуп кетти.

- Тим эле койсоң болмок, андан көрө келинчек ала келбейт белең, - деди Туйгунаалы таарынтып албайын деп күлө.

- Жакында үй алдым, эми ойлонуп көрөм да, - деп алып келгендерин ортого койду.

- Сиз биз менен майрамдап келесизби? - деди Жайлоокан ага.

- Качан?

- Эртең, атамдын колу бошобойт экен.

- Мен бошотом атаңды, чогуу барып келгиле.

- Кой, сени кой кайтартпай эле коеюн, андан көрө жеңең менен карындашыңды ээрчитип алып майрамдап келгиле.

- Шаардан ошондой оюн-зооктон тажадым.

- Бул айыл да, теңтуштарыңды көрөсүң.

- Ээ мейли анда барса барып келейин.

- Ур-ре, акем биз менен барат экен, - деген Жайлоокан сыртка жүгүрүп чыгып кетти. Ал күнү чогуу отуруп тамактанып сүйлөшүп отуруп кеч жатышты, эртеси эрте туруп алган Жайлоокан кийинип алып апасын шаштырып жатты, таң эртеңки чайын ичип алып анан үчөө жолго чыгышты. Кыпкызыл көйнөгүн делбирете алдыга жүгүрүп кетип жатты.

- Кандай ал-акыбал? - Тургунаалы аны карап жылмая колдон алды.

- Шүгүр, өлгөн жокмун.

- Антпе Толкун.

- Анан эмне дейин, акыретке чейин ушинтип жүрө бермексиңби?

- Сен тынч жаша, мен биерден баргандан кийин үйлөнөм, ошол бойдон келбейм, агамдын алдында күнөөлүүмүн, кыз алган жок, анысы аз келгенсип анын төшөгүнө жаттым, никелүү аялы менен болдум…

- Ооба, мындан ары келбегениң дурус болоор, баарын эми унутаарымда, жашоого өз бетимче кам көрүп, өмүрүмдүн кандай өтөөрүнө кайыл боло баштаганда пайда болдуң, жашоомду чаң-тополоң кылдың, эл көзүнө тынч, беймарал жашап жаткандай көрүнгөнүм менен ичим жалын, сыртым чок, агаңды эмес сени ойлонуп жашап келе жатам, ушундай жашоо кимге жаксын, айтчы өзүң?

- Капаланбачы Толкун, тагдырга баш ийүүгө туура келет.

- Ооба-а, баш ийдик да, бирок агаңдын, кудайдын алдында күнөөбүздү кантип жууй алабыз?

- Аны ошо убагында көрөөрбүз алтыным, эми сен мени кечир.

- Кечиримдүү…

- Рахмат алтыным, баары бир…

- Эмне баары бир?

- Баары бир жүрөгүмдө сен жашайсың, биз эми акыретте гана жолугат окшойбуз, бул дүйнөдө агама каршы тура албайм, өмүрлөр өтүп баратат, сенин дагы тынч бактылуу жашаганыңды каалайм Толкун.

- Өмүр, өмүр ансыз дагы бейпайда өтүп баратат.

- Кейибе Толкун, бул да болсо пешене…

- Ооба-а, - Толкунай көз жашка муунгандан буулуга алдыга басты. Жайлоокан бирде алдыга жүгүрүп, бирде экөөнүн колунан кармап алып эркелей селкинчек тепкендей күүлөнүп алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнү менен иши жок кубанычта, - Тирүүдө өзүм каалаган адамдан жыттап жүрөөр эстелик калганына да шүгүр…

- Ооба, бул экөөбүзгө тең кубаныч, кыскасы агам билбесин.

- Балким билет, же таптакыр аңкоо.

- Ким билет, ал билбей калышы мүмкүн, - Алар төштөн айылга тез эле түшүп келишти, дүкөндөргө кирип, ашканадан тамак алып ичишти, көчөдө эл көп, Жайлооканга каалаганын алып берип ары-бери басып көпкө жүрүштү, анан кайра жөнөштү, Толкунай күйөөсүнүн айткандарын алып анан дасторконуна керектүүлөрүн алды. Алар келгенде койлорун короого жакын жайып коюп Туйгунаалы үч-төрт адам менен сыртта отурган экен.

- Оо мына келишти, кандай майрамдадыңар? - Туйгунаалы аларга кайрылды, бир топ кызуу эле, - Эми Туку, тиги козуну сое кал, бүгүн сен дагы майрамда келип калыпсың, - деп бакылдады ал.

- Кереги эмне аке, тим эле койбойсуңбу?

- Тим койчу беле, анда азыр койдун алдын кайрып коюп өзүм соем, шаардыктын сойгусу келбей жатат окшойт, - деп койлорун көздөй басып кетти.

- Агаң айтканынан кайтпайт, сен сое бер эми, - деди Толкунай.

- Макул анда, таарынып калбасын, малыңарды аяп жатпайынбы, - деди Тургунаалы костюмун чечип иле салып, шымалана короодо маарап байланып турган козуну заматта бутун бууй салып союп кирди. Күнү бою майрамдап Туйгунаалы өтө кызуу болуп калды, ким билсин, эмне ою бар, кийинки күндөрү ал шылтоо таап көп иче турган болгон, Толкунай үн дебейт, ичсе чатагы деле жок, жатып калат. Тургунаалы конокторуна тамак тартып, арактан куюп тейлеп отурду, Толкунай казан аягы менен бирге, эси-дартынын баары кайнисинде, дагы бир бой балкытып лаззатка баткысы келип, дүүлүгө улам көзүн кылгырта карап коет, Туйгунаалыны эт бышканда тургуза албай коюшту, бир жаткандан кийин турчу эмес. Коноктору кетип Тургунаалы төркү бөлмөгө, ага-жеңеси оозгу бөлмөгө жатып калышты, Жайлоокан болсо ата-энесинен арыраак чакан керебетте. Түн, уйкусу качып сүйгөнүнүн кучагын, лаззатын көз алдына келтирген келин коңурук тартып уктап жаткан эрин бир карап жини келип алды да ич көйнөкчөн төшөктөн жылып туруп дабыш чыгарбай ички бөлмөгө кирип Тургунаалынын жанына келип унчукпай бир азга туруп калды:

- Келдиңби? - деди ойгоо жаткан Тургунаалы акырын.

- Сагындым.

- Билип калбайбы?

- Доңуздай болуп эчтеке сезбейт.

- Кел…

- Сени сагынып, күтүп, эңсеп жүрүп алтын убактым өтүп жатат Туку, - Толкунай култ этип төшөккө кирди, заматта чапталышкан денелер жылаңач болуп жармашып от болуп күйүп, ааламда акыр кыямат болуп жатса да капарына албай ушул калыптан жазбай жата бергилери келип махабат көлүндө көлкүп, коргошун болуп ээрип, сымаптай жуурулушуп жатты. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз экөө тең чылпылдап тердеп демиге чалкасынан жатканда:

- Толкун! - деген күйөөсүнүн үнү угулду, экөө ордуларынан тура калды, коркконунан калтыраган Толкун ички бөлмөдөн акырын чыгып сырткы эшикти карс эттире ачты да кирип келди, Туйгунаалы ары карап жаткан.

- Эмне болду?

- Башым, башым ооруп жатат, бирдеме калды беле?

- Болуш керек, - Толкунай бөтөлкөнүн түбүндөгүнү куюп келип берди да жатып калды. Туйгунаалы бери карап жатып аялын кучактап өөп:

- Эмнеге мынча тердегенсиң? - деди башын көтөрө.

- Кечээ шамалдап калганга ооруп турам, - деп шылтоо айта салды аялы.

- Ооба, кечээ салкын болбодубу.

- Шамал жүрүп күн жаамак болуп сүрүлүп кетти.

- Мен качан жатып калдым?

- Сен эт быша электе эле жатып калдың го?

- Билбей калыптырмын, коңшулар жакшы эле отурдубу?

- Жакшы эле отуруп кетишти.

- Мейли байбиче, биз деле алардыкында болуп жүрбөйлүбү, майрам экен, - деп кучактап эркектик милдетин аткармак болуп сыйпалап кирди:

- Жөн жат эми, үйдө киши бар, - деп Толкунай анын колун түртүп койду.

- Ким?

- Иниң.

- Ал уктап жатат да.

- Ошентсе деле, башка күнү ээн элебиз го?

- Макул эми, - деп унчукпай калды, бирок Туйгунаалы ичинен ойлонуп калды: "Менден неге бала болбойт, бир кыз менен каламбы, же чын эле мен бала жарата албаймбы", - деп ойлонуп докторго көрүнмөк болду. Эки-үч күн жүрүп Тургунаалы кайра шаарга жөнөп кетти, Туйгунаалы болсо ооруп жатам деп айылга, андан районго барып эч кимге айтпай өзүн текшертип көрмөк болду. Ал көрүнгөн врач ага анын уругу балага жөндөмсүз экенин айтканда көз алдына адегенде Жайлоокан келди, андан кийин иниси, аялы экөө келип жинди болгон немедей райондон эле ичип мас болуп калды. Кечке маал үйүнө келгенде Толкунай койлорду санап короого киргизип жаткан.

- Ох-хо, сен койчу болгонго жарайт экенсиң, - деди ал жакындап келип, - Кайниңдин кеткенине ичиң ачышкан жокпу?

- Эмне деп жатасың? - Толкунайдын жүрөгү оозуна каптала түштү, - Санактан дагы жаңылып калдым.

- Жаңылганда эмне, эртең койду өткөрүп беремин да жай турмуш кечирем, - деп колун шилтей үйгө кирип кетти.

- Сен жинди болдуңбу? - Толкунай койлорду камап, эшигин бекитип коюп артынан кирди.

- Садагасы ак кызым, - деп Туйгунаалы аялынын суроосун жоопсуз калтырып Жайлоокандын жанына отурду да эркелете карады, - Сен мени жакшы көрөсүңбү кызым?

- Ооба.

- Апаңдычы?

- Апамды дагы.

- Жакшы-ы, апаңды жакшы көрбөсөң болбойт кызым, ал сени ээпте-еп таап алган да, - деп кыжырлуу жылмая аялын карады, - Туурабы, эми би-ир жылдан кийин дагы уул же кыз төрөп алышың мүмкүн да?!

- Эмне деп жатасың Туйгун?

- Ооба, билбейт дейсиң го, мен уруксузмун, менденби-анданбы баары бир менин балам, болгону-у, - Туйгунаалы сөөмөйүн чычайтты, - Болгону ал экөөбүздүн каныбыз башка-а!

- Кайдагыны айтасың баланын көзүнчө? - Толкунай жини келе Жайлооканды колдон ала ички бөлмөгө киргизди, - Жатып уктачы!

- Акыры билет, шибегени капка каталбайсың, инимдин эмнеге үйлөнбөй жүргөнүн эми түшүнбөдүмбү, ага эмне, аялы менен баласы багылуу…

- Туйгун, көбүрөөк ичип койсоң керек, жатып эс алчы, - деп карысынан ала жаздыкка жаткырмак болгондо колун силке Толкунайды түртүп ийди, - Жолобо жаныма!

- Эмне болуп калгансың деги?

- Жинди болуп калдым, иним экөөбүзгө бир катын болгонуна жинди болуп турам, - деди да ары карап жатып унчукпай калды.

- Эс алчы эртең сүйлөшөбүз, - деди Толкунай кара күчкө актанган болуп, бирок: "Кайдан билип алды экен, же шекип калдыбы, өзүнүн жарай албагынан улам ошентип жатабы", - деп коркуп дагы эмне деп ийет дегендей үрпөйө карап отуруп калды. Ал ушул күндү таптакыр ойлобогон, бирок азыр жүрөксүп коркуп турду, өзүн-өзү тилдеп, жек көрүп кетти: "Иниси экенин билгенден кийин эле кетип калсам болмок экен, куураган жаным ай, эми эмне болот, туура иш кылган жокмун го", - деп делдейе отура берди.

- Апа, кардым ачты, - деп кызы ички бөлмөдөн чыгып келип ыйламсырады.

- Азыр, тамакты карабай унутуп калган турбайынбы? - деп туруп плитадагы кайнап жаткан тамакты карап тузун көрүп жатып да ойдон алыстай албады.

- Апа, атам эмнеге ичет?

- Кайдан билем кызым.

- Ичпе деп айтпайсыңбы?

- Укпайт.

- Ыкы, сен ага айткан жоксуң го?

- Айткамын кызым, тилимди албайт.

- Качан айттыңыз, мен уккан жокмун го?

- Сен ойноп жүргөндө айткамын, балдар андайды укпашы керек.

- Эмне үчүн?

- Ата-эненин сөзүн укпаш керек, урушуп калышыбыз мүмкүн, ошондуктан мен өзүнө айткам.

- Уруштубу анан?

- Жо-ок, ичпейм деген.

- Көрдүңүзбү атам урушпайт, - деп балалык сезиминде кубанып алды, - Менин атам жакшы да?

- Ооба, атаң жакшы адам…

- Быштыбы тамак?

- Аз калды, күтө тур кызым, керээли кечке оюндан колуң бошобойт, кечинде чыйпылдап каласың, - Толкунай кызын эми көрүп тургандай саамга карап туруп калды: "Дал өзү, жадагалса калы да өзүнүкүн эле көчүрүп койгондой, балким окшоштуктан улам дагы өзүнчө кызганып жүрсө керек", - деп кызынын үстүңкү ээрдинин учундагы калын көпкө карап отура берди.

Эртеси эрте турган Туйгунаалы коюн жайып кетип калды, эчтеке ичпеди, төлгө сакманчылар келет дешип чатыр, домик жүктөп келип тигип даярдап жатканда түшкү тамакка келди, бир ооз сүйлөбөй кайра кетип калды, үч-төрт күн таптакыр сүйлөшүшкөн жок. Бир жумадан кийин гана сүйлөп, кызын эркелетти, бирок ашыкча сөзү болбоду. Ошол жылы төлү абдан жакшы болду, төл аяктап жайлоого көчөөр маалда ооруп жатам деген шылтоо менен башкармага арыз жазып кирди да койду тапшырмак болду эле Толкунай чырылдады:

- Быйыл төл жакшы болду эле, сен оорусаң мен карай берем го, эмнеге өткөрүп берем дейсиң?

- Мага эми кереги жок.

- Эмнеге, кызың чоңоюп келе жатат, мал күтүп адамча жашасак болбойбу?

- Ушул жашообу?

- Эмнени айтасың? - Түшүнө бербей кайра өзүнө суроо узатты.

- Толкун, билмексен боло бербе! - деп эшикке чыгып кетти. Ошентип коюн өткөрүп берип, айлыгын эсептешти да ичип жата берди, бир күнү Толкунай ага жай түшүндүрмөк болду:

- Туйгун, атасы өлгөндү деле узатат экен, түнөрө бербей сырыңды айтпайсыңбы, сегиз жылдан бери мындайыңды көргөн жок элем, эмне болуп жүрөсүң?

- Беш-алты айдын ичинде мен өлөм, андан туура жетип ай өткөндө сен өлөсүң, башка жооп бере албайм!

- Эмне-е, сен эмне деп жатасың? - Көздөрү алая күйөөсүн жалдырай карады.

- Өткөндө атам түшүмө кирди, ал менин кыйналганымды билип бул дүйнөдө жүрө бербей биякка кел, жети айдан соң аялың дагы келет деди…

- Кудай ай, эмне деп эле жатасың, өзүм деле жетип өстүм эле Туйгун, куран окутуп өлгөндөрдүн мүрзөсүн тайыса болот дечү эле го, улак союп куран окутсак кантет?

- Болбойт, мен сен экөөбүздү тизмеге жаздырып койдум.

- Эмне болгон тизме? - Ого бетер үрпөйө карады, күйөөсүнүн ойноп же калп айтып жатканын, же чын экенин түшүнбөй корко баштады.

- Түшүмдө бир нерсеге кезекке туруп жатыптырмын, чоң аппак бөлмөдө бүт эле өлгөн адамдар экен, мен эми кезекке жеткенде: "Тизме бүттү", - дейт, мен болсо ага болбой эле: "Эптеп илип коюңузчу", - деп жаттым. "Эми алты айдан кийинкиге жазам", - деди. "Мейли ошого биринчи кылып жазып коюңуз", - дедим эле аты жөнүмдү тактап сурап жазып алды, мен кайра: "Аялымды дагы жазып коесузбу?", - десем: "Ал сенден жети айдан кийинкиге кирет, мында дагы орун жок", - деди. "Мейли, экөөбүз тең тизмеге кирип калалы, аны дагы жазыңыз", - деп сенин аты жөнүңдү толук жаздырып койдум.

- Тизме болсо эмне экен, түшкө кире берет эмеспи?

- Түшүңдө тизмеге катталган болбойт, аларга катталып калган соң биз сөзсүз бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө көчөбүз.

- Туйгун, эмне дегениңе түшүнсөм өлөйүн, кызыбыз жаш, өзүбүз деле али жашпыз го, кайтарсаң болбойбу?

- Кайтаруу кимдин колунан келет? - деп Туйгунаалы жылмайып койду, бирок ал баарын калп айткан эле, ошондон үч күндөн кийин жайлоого тааныш койчунукуна барам деп чыгып кетип бир жумада келди, көп чөп чарды терип алыптыр.

- Буларды эмне кыласың?

- Дары жасайм, атамдан үйрөнгөндөрүмдү жасап көрөйүнчү, - деп баягы чөптөрдү өз-өзүнчө кургатып анан күн тийгизбей көлөкөгө жайып койду. Көп өтпөй дарылары даяр болуп бир күнү даярдаган дарысын алып келди да: - Ушундан экөөбүз аз-аздан үч күн ичели, бир жумада билинет, - деди.

- Оору-сыркообуз жок эле иче бермек белек?

- Денсоолукка жакшы, балалуу да болушубуз керек, менимче бул өтө керектүү.

- Андай болсо макул.

- Сен кашыкка толтурбай ич, мен бир кашыктан ичем, анткени мен эркек эмесминби? - деп жүзү бир кызыктай болуп өзгөрүп отуруп айтты, өңү бир кызыктай болуп отурду, баягы дарыны бир жума ичкенден кийин кайра алсызданып жатып калды.

- Жакшы дебедиң беле, туура эмес даярдап алсаң керек, менин дагы алым кетип калды.

- Эч коркпо, корксоң да, коркпосоң да бир жан өтөт, баарына даяр болуш керек, - деп Туйгунаалы сырдуу сүйлөп тим болду, өзү бир жума дегенде ордунан жылбай калды, ошондо ал аялын жанына чакырып алып же бир сөз айталбай мукактанып жатты:

- Эмне болду, сүйлөчү бай болгур.

- Баарын түшүнөсүң, өкүнгөндө пайда жок.

- Эмнеге, айтсаңчы, бай болгур.

- Өзүң көрөсүң.

Ошол жылы Жайлоокан алты жашка жаңы чыккан, Туйгунаалы төшөк тартып жатып калды. Толкунай кыбырап жүргөнү болбосо шалдырап эле жаткысы келет, дал ошол учурда Туйгунаалыны издеп карындашы Айсулуу апасы экөө келип калды, өйдө боло албаса дагы Толкунайга:

- Жакинди жиберип Орунбек менен Алымбай акемди алдыр, кой ала келишсин, - деди.

- Макул, - деген Толкунай Жайлооканды жөнөтүп өзү дасторкон салып чай коюп жатты, өздөрү дагы куру келбей кой союп бышырып, кийим-кече, боорсок менен кант-чайын ала келишкен эле.

- Байкуш атаң сени өлөөрдө аябай эңседи, балам, аскерде жүрөт десек улутунуп, үшкүрүп алып анан өтө берди, Айсулуу экөөңөр бири-бириңе жөлөк болгула менин болсо өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок, - деди өгөй энеси Батмакан.

- Менин дагы андан кийин барганга убактым болгон жок, - деп зорго эле айтып жатты Туйгунаалы.

- Атаң тамырчы эле, далай адамды дарылаган, кеселиң эмне балам, келе колуңду берчи.

- Жок эне, кереги жок, - Туйгунаалы колун тартып алды, - Меники айыкпай турган оору.

- Эмне дейт ботом?! Кой, сакайып кет, мына бул карындашың сени арка бел кылам деп келди, кызың чоңоюп калыптыр. Келе колуңду, мен дагы жакшы эле билем, атаңдан көп нерсени үйрөнүп калгам, - деп Батмакан анын колун болбой эле кармап оң кол, сол колун алмак-салмак кармап көрүп, - Ботом, уулуу чөптүн дарысын кайдан ичип жүрөсүң? - деди.

- Өзүм атайын ичтим.

- Эмне-е? - Толкунай үнүн бийик чыгара аны көздөрүн бакырайта карап катып калды.

- Ботом, эмнеге өз жаныңа кастык кылдың?

- Жашоого тойдум! - Туйгунаалы ары карап кетти.

- Бул анда экөөбүздү тең өлө турган кылган тура, - деп жиберди Толкунай.

- Эмне дейт? - Батмакан келинин карады.

- Бул тоодон атайын чөп алып келип өзү жасап, мага дагы ичирген… - Толкунайдын көз жашы томолонуп кетти.

- Коку-уй, ал эмнең балам, кел бери сенин тамырыңды көрөйүн, - Толкунай анын жанына келди, эки колун кармап көрдү, - Кокуй ай, бир аз күн эртерээк келгенибизде эмне, - деп келиндин колун кое берип шалдая отуруп калды. Ал күнү конок болушту, эч кандай сөз болбоду, туугандары Туйгунаалы "врачка көрүн, ооруканага жат" дешти, бирок ал баш чайкап тим болду. Толкунайдын көзүнө өлүм гана элестеп тамагынан эчтеке өтпөдү: "Демек мен дагы өлөт экенмин, бул баарын билип мени өзү менен бирге алып кетмек болгон экен да, ушунчалык дагы кара мүртөз болобу, Жакиним эмне болот, кандай күндө калат? Кудайым ай неге никеме карасанадым экен", - деп басса-турса кетирген кемчилиги үчүн кудайдан кечирим сурап көкүрөк-көөдөндө арманы ашып ташып жатты. Үч күндөн соң Туйгунаалынын абалы начарлап улам өзүн жоготуп коюп жатып анан эсине келгенде:

- Мени Толкун менен жалгыз калтыргылачы, - деди.

- Мен келдим, айтаарың не, кечикпе дегиң барбы?

- Ансыз да кечикпейсиң, - Туйгунаалы демигип алды, - Эмне үчүн ушуга барганымды өзүң түшүнөсүң, андан көрө сен айт, эмнеге менин бир тууганым менен төшөктөш болдуң, канткен менен биз энелеш бир тууган элек го?!

- Калп.

- Өлөөр алдындагы адамды алдаганың болбойт.

- Менин сүйлөшүп жүргөнүм болчу…

- Ык-кы-ы, - деп алды Туйгунаалы, - Кыз эместигиңди эч жанга билгизбей жетим элем, эптеп жарым болсун, мындан ары ак, таза жашаса болду дедим эле…

- Кечир, Туйгун.

- Менден бала болбосун билем, биз экөөбүз кетебиз ээрчишип, Жакинди атасына тапшыр!

- Эмне-е?

- Жалгыз калмак беле? - дегенде Толкунай андан аркысын уккусу келбей чыгып кетти, буркурап ыйлап жатты, анын ички арманын эч кимиси сезген, туйган дагы жок, болгону күйөөсүнө кейип жатат деп божомолдошту. Батмакандар кеткен эмес, ал Туйгунаалынын аз өмүрү калганын билген, ошол түнү көз жумуп кете берди, дал өлүк үстүндө Толкунайдын көзүнөн жаш чыкпады, мостоюп дел болгондой отура берди, аны көргөндөр ар кандай сөздөрдү айтып кеп кылып жатышты.

- Бу Толкунайдын көзүнөн жаш чыгып койбойт да, ботом.

- Эри тойго кеткенсип эле отурат го?

- Өлгөндүн өз шору деген ошо да.

- Ошондо деле ыйлап койбойбу?

- Ээк, эмне болсо ошол болсун, өлчү бала өлдү да, бечара абдан жакшы бала эле, жаш өтүп кетти, - дешип бир даары кеп кылып жатса бир даары:

- Байкуш ооруп жатканда ыйлай берип түңүлүп калган экен, көз жашы кургап калган го? - дешсе, бири башкача жоруп жатты:

- Өзү дагы ооруп жүрөт байкуш, эми өзү жакшы болуп кетсе экен.

- Жалгыз кызы бар, эми анын ырысына энеси аман болсун.

- Баса таежеси келдиби, Толкунайдын бир эле таежеси бар да, - деди бир абысыны. Ошентип Туйгунаалыны жерге беришти, эми мүрзөгө жөнөп жатканда өксүгөн өкүрүк чыгып Тургунаалы келди, турган эл жардана карап жол берип артка жылышты.

- Бир боорум, бул кандай болуп кетти, кандайча минтти, оо эл журт, бир боорумдан чын эле айрылдымбы? - деп сөөктү баса жыгылаарда топтошкон эл аны кармап калышты.

- Болбойт, майып кепинделип калган, сабыр кыл, балам.

- Жок дегенде бир көрүп алайын, айланайын оо-ой бир боорум! - деп көзүнүн жашы төгүлүп жулунуп турганда молдо келме келтирип өлүктүн бетин ачты:

- Кагылайын бир боорум, мени таштап кеттиңби? - деп эңкейе бергенде.

- Келме келтир, майыпка акырын жакында, чекесинен сыла, келгениңди билет, - деп молдо сүйлөп жатты.

Тургунаалы чекесинен сылап акырын эңкейип кулак тарабына:

- Бир тууганым, неге эрте таштап кеттиң, бизди неге таштадың? - деп көз жашын жүз аарчы менен сүрттү да, - Жаткан жериң жайлуу болсун, бир боорум! - деп арттагылар тартканда ары болуп өлүктүн бетин жаап кайра таңышты да алып жөнөштү, мүрзөгө бараар-барганча үнүн баспады, достору аны колтуктап баратышты, кабырга өзү башын кармап кирди Тургунаалы. Ошентип кайра келгенден кийин куран окулуп эт тартылды, эл тарагандан кийин Жайлооканды кучактап ыйлап анан Толкунайга жолукту. Үчүлүк, жетилигин өткөргөндөн кийин өздөрү калды, Айсулуу дагы ыйлап-сыктаган бойдон кетти.

- Акем эмнеден кетти, эмнеси ооруду? - деди Тургунаалы Толкунайга жалгыз калганда.

- Акең атайын ошол жакты каалап, бул жактан жакшыраак экен деп өзү кетти, - деди мисирейе.

- Ал эмне дегениң?

- Кыскасы экөөбүздүн мамилебизди билди.

- Эмне, мүмкүн эмес!

- Мүмкүн экен, баары болот тура, эми анын артынан мен дагы кетем!

- Эмне, сен мени шакаба кылып турасыңбы? - дегенде Толкунай ыйлап отуруп баарын айтып берди.

- Ошондой де, демек баарын билген экен да? - Тургунаалы ойлуу мелтиреп отуруп калды.

- Мен өлгөндөн кийин экөө баш кошуп алат десе керек, менин ал-абалым да начар…

- Врачка көрсөтөйүн, шаардан дарылатайын.

- Кереги эмне.

- Жок дебе Толкун.

- Агаңдын кыркы өтө электе сени ээрчип кетсем эл эми эле кеп кылат, өлөөрү менен очогунан от өчсө болбойт го?

- А сенин өмүрүңчү, сени дагы сактап калуу керек го?

- Мени эч ким сактай албайт, Туйгундун өгөй апасы өтүшүп кетиптир дейт, уу бүт денеме тарап бир баштан тамырларымды карайтып бараткан имиш.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Менин азыр сүйлөөгө дагы акыбалым жок Туку, акең өлөөрдө баарын айтты, кечире албасын, жатындашым эле деп кыйын капаланды…

- Жакшы болгон эмес экен.

- Ооба, жакшы болгон жок, - деп тура калмак болгондо көзү караңгылап барып жыгылып баратканда Тургунаалы кармап калды.

- Толкун сага эмне болду, көзүңдү аччы?

- Апа, апама эмне болду? - деп Жайлоокан ыйлап ийди.

- Коркпо садага, жакшы болуп калат, - деп көтөрүп барып жаткырып коюп бетине суу чачты, бирок өзүнө келе албай көпкө жатты, ошондо тигиле карап отуруп анын арыктап кеткенин сезди, баягы ажарынын бир жок, өңү боппоз болуп өлүктөн айрымасы жок жаткан. Эртеси көзүн ачып:

- Мага эмне болду? - деп тура калайын деп кыймылдоого алы келбеди.

- Жат, жата бер, көп кыйналып калсаң керек, - деди үңкүйгөн Тургунаалы.

Күйөөсүнүн өлгөнүнө жарым ай боло электе Толкунай дагы кете берди, эл түшүнбөгөн бойдон калды, өлөөрүндө таежеси Алмагүл жанында болду, ал тайкесинин эң улуу кызы болчу. Ал Жайлооканды жетелеген бойдон кетип калды, Туйгунаалынын үйү томсоруп ээн калды. Тургунаалы экөөнүн кыркы болгуча турду, ырым-жырымын жасап коюп анан ал дагы дайынсыз кетти, ошентип бир үйбүлө сүйүүнүн айынан жабыр тартып бармактай кыз жетим калды…

***

Жайлоокандын көз жашы көлдөп кагазды суу кылып жиберди: "Арман ай, апам дагы мага окшоп жападан жалгыз, арманын айтаары жок кагазга жазып кеткен го, алтыным апакем, мен эми бактылуумун, тиги кайниңди жек көрөөрүмдү же жакшы көрөөрүмдү билбей турам, эмне кылышым керек апаке, ушуну мага билгизбей эле койсоң болмок экен, балким өлөөрүңдү билип чындыкты айтып койгуң келгендир", - деп ойлоп жанына келген уулун кучактап өөп улутунуп алды. Эшиктен кирген Айбек уулуна колундагы шоколадын көрсөтө:

- Кана-кана уулум келчи мага, шоколад жейсиңби? - деп өзүнө чакырып отура калды, - Келе гой.

- Ата магачы? - Амина ага карай жүгүрдү.

- Адегенде Ырыс келсин, кана уулум?

- Жебейм! - деп таарына Амина эшикке чыгып кетти, - Ырысты жакшы көрөт экенсиң эмне, Ырыскелди атасына жеткенде көтөрүп ала коюп эки ууртунан өөп шоколадды берип, - Бар апаңа, эжең таарынып калды, - деп кайра сыртка чыгып Аминаны сооротуп алып кирди, - Мен сени жакшы көрөм кызым, Ырыс кичинекей да.

- Ырыстан дагы жаш болуп кетесиңби, мына быйыл окуйсуң, чоңойбодуңбу? - деп Жайлоокан кызын урушкан болду, ал дегеле балага болушчу эмес, Айбектин жаман ою жогун, балдарды бирдей көрөөрүн билет, Аиданын кеч келип, кийинки кездерде кулк-мүнөзү өзгөрүлүп баратканынан кабатырланып: "Өтүп кетээр, өткөөл куракта эмеспи, айлыгын алып келип берет, балким бирөөнү сүйүп калбасын, ким кандай неме, деги алданып калбаса болду", - деп көп ойлончу болду. Бүгүн дагы көпкө ойлонуп күтүп жатты, түнкү эки болсо дагы кечигип убакыт өтө берди.

- Жакин, жатсаңчы эми, келип калаар.

- Бир аз күтөйүн, кайдан издейм аны, кудай ай.

- Кабатыр боло бербечи, Аида эстүү кыз.

- Эси бар дечи, а кокус бирдеме болсочу?

- Кудай сактасын, - Ошол убакта эшик ачылып Аида кирди.

- Кайда жүрөсүң, түн жарымы болгуча эмне кылып жүрдүң? - жеп Жайлоокан жетип келип жаакка чаап жиберди.

- Апа-а!

- Кайда жүрдүң дейм?

- Эмне кыласыз, мен чоңойдум, бассам болбойбу?

- Түндөсүбү, түнкүсүн баскың келип калдыбы? - деп дагы чаап жиберди, - Иштебейсиң мындан ары, үйдө болосуң!

- Эмнеге?

- Ошол, бүгүндөн ары үйдөн чыкпайсың, - деп колундагы сумкасын сууруп алып ары кирип кетти.

- Мен азыр кетем анда, - деп Аида сыртка карай жүгүргөндө Жайлоокан жетип кармап калды, эшикти кулпулап коюп үстөлгө отурду:

- Кана, кайда барасың, кимге барасың, айтчы ачыгыңды?

- Күйөөгө тийем!

- Эмне-е?! - Жайлоокан уккан кулагына ишенбей саамга кызын карап турду да жанына келди, - Кимге тийесиң?

- Азизге! - Бул сөздү укканда Айбек чоочуп кетти: "Кудай ур, менин балам болуп жүрбөсүн, аялы менен ажырашып жүрөт деди эле", - деп жаткан жеринен козголбой жатып калды.

- Азиз? Ал каяктык, ким дегендин баласы, кандай неме? - Жайлоокан эмне дээрин билбей эле суроо жаадыра берди.

- Азизди гана билем, ата-энесин, кайдан экенин билбейм.

- Анан кантип тиймексиң?

- Өзү алып кетем деди.

- Качан?

- Эки күндөн кийин.

- Эч жакка кетпейсиң, азыр күйөөгө тийгенге жашсың, - деп кайра отуруп башын мыкчый отуруп калды. Аида ыйлап жатты:

- Мен Азизди сүйөм, ал дагы мени сүйөт апа, үйбүлөсүнүн эмне кереги бар, жаман бала эмес, каршы болбочу апа?

- Жок, экинчи кулагыма угузба, эгерде кете турган болсоң анда энем жок деп басып кет, кайрылып келбе, бул үйдү унут! - деди да жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Көпкө ыйлап отуруп анан жатып калды, Айбек жанына жаткан аялын кучактап өөп чачынан сылай бооруна кысып:

- Кыйналып кеттиң го, азыр кыздар, балдардын кулк-мүнөзү башкача өзгөргөн, анын үстүнө Аида өткөөл куракта, аста мамиле жасаш керек, сен ага жаман айтпа, акырындап эсине келет, өзүңдү-өзүң корото бербе, - деди акырын.

- Уктуң го, күйөөгө тийет имиш, кайдан, кимдин баласы экенин дагы билбейт, а кокус алданып калсачы?

- Алданбайт, тим кой иштей берсин, акырын көзөмөлдөп турабыз, сен көп ойлоно бербе.

- Кантип ойлонбой кое алам, бойго жетип калган кыз болсо, түнү бою кечигип бирөө менен жүрсө, кокус бир балээ болсо кандай күндө калам, тарбия бере албаган эне болом го, тагдыры кандай болот? - деп Жайлоокан ыйлап жатты, Айбек аны тынчтандырып ары-бери айтканча таң атып кетти.

- Сен дагы уйкудан калдың, уктап ал эми, бала менен кечке уктай албайсың.

- Үйдөмүн го, сен кыйналасың.

- Кыйналбайм, сен Аиданы үйгө кармаба макулбу, жумушуна бара берсин, эси бар кыз, ойлонот өзү.

- Макул эми, сага ишенем.

Экөө таттуу өбүшүп анан Айбек туруп кийинип жуунганы ваннага кирип кетти, Жайлоокан тамагын газга коюп дасторкон даярдап жатканда Аида турду да кийинип шашылыш жөнөмөк болду.

- Сумкамды берчи, апа.

- Эмне кыласың?

- Жумушка барам.

- Андан кийин.

- Үйгө келем.

- Чыныңбы?

- Калп айтып жүрчү белем апа, кечирип койчу экинчи Азиз менен жолукпайм.

- Болуптур, бирдеме ичип алып бар.

- Жок ичким келбейт.

- Тигил жерде илинип турат, - деди аргасыз, Айбектин жумушунан калтырба дегенинен улам унчукпады. Аида шашыла бети колун деле жуубай чыгып кетти. Ваннадан чыгып Айбек шам-шум этип өз ишине жөнөдү, Жайлоокан ойлуу үшкүрүнө отуруп калды. Алида менен Амина уктап жатат: "Эми бул экөө кандай түйшүк тарттыраар экен, кудай ай, кыздарымдын багын ача көр, мен деле далай түйшүк тарттым, кайырчылык дагы кылдым, ушулар үчүн эмнени гана жасабадым, Айбек жолукпаса эмдигиче батирден чыкпай жүрмөкпүз", - деп ойлоп отурганда Ырыскелди ыйлап ойгонду.

- Апа-а, апа-а.

- Садага болоюн десе, уйкуң кандыбы каралдым, - Жайлоокан уулун ала коюп өөп жыттап кыздары жаткан бөлмөгө келди, - Тур Алида, тургула кызым.

- Апа-а кое турчу-у.

- Кое турганы эмнеси, тургула бол!

- Уктатпайсыңар да, - Алида уйкулуу көзүн ушулап ажатканага чыгып кетти.

- Кагылайын берекем, ырысым менин, - Жайлоокан уулун эркелетип жатты, көнүмүш күндөрдүн бири дал ушинтип башталды. Айбек өз жумушуна барбай эле Аиданын иштеген жерине келип аста ары-бери басып жүрдү, акмалап улам кафенин эшигин карап коет, кечке маал гана Аиданы колтуктап Азиздин чыгып келе жатканын көрүп капыстан чыга калгандай алдынан тосту.

- Айбек байке! - деп туруп калды Аида.

- Сиз…

- Азиз, жүр сүйлөшөлүчү, - деп колтуктап ары басты.

- Ата, сен мени кайдан билдиң? - Азиз дароо эле таанып койду атасын.

- Бул тагдыр менин чекеме ушуну жазыптыр балам, жаман эмес, тааныдың мени, бул кызды өз жайына кой, уулум.

- Эмнеге, мен аны жакшы көрөм да.

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Ал менин аялымдын кызы, мындай учурлар боло берет, уулум, сенин кызың барын уккамын, силердей болуп калышын каалабайм, өз үйбүлөңө кайт, уулум, менин жаңылыштыгымды кайталаба, баарына апаң себепкер болгон, бирок мен аны күнөөлөбөйм, - деп басып баратып эл жок жерге токтоду.

- Эмнеге үйгө барган жоксуз?

- Баргамын, апаң күйөөдө, сен аскерде экенсиң, Азимбек менен Надырбек тоого кетиптир, кайда токтомок элем, келе бердим.

- Кийинчи?

- Шарт болбоду, жүрү бир жерден тамактаналы, сенин келээриңди билип кечке аңдып туруп ачка болдум.

- Кимден уктуңуз?

- Аидадан, атыңды угуп, сенби же башкабы, билгим келди.

- Аида менен үйлөнсөм болбойбу?

- Болбойт, сен менин баламсың, Аида тигинин кызы.

- Кыз-зык болду го, мен аны катуу сүйөм, ата.

- Сүйүүңдү кызыңа арна!

- Жок, анда мен Аиданы башка жакка алып кетем!

- Эсиңе кел, сүйүү деп жүрүп менин тагдырымды бирөө талкалап, өзү аркы дүйнөдө жатат, демек сүйүү жөнүндө оюңа да алба, үйбүлөдөн өткөн бакыт жок, балам. Эсиң барда Аиданы унутуп аялың менен кызыңа бар, мен сага жамандык каалабайм.

- Мен Аиданы унута албайм, ата.

- Мен апасына, сен кызына үйлөнгөнүң туура эмес, апаң да жактырбайт, апаңды да ойлон…

- Макул ойлонуп көрөйүн, - деди да Азиз басып кетти, Аида Айбекти көрүп уялып үйүнө кетип калган, эртеси Аиданы башка жумушка иштетишмек болуп бир жумадай жибербей койду. Көздөрү көнөктөй болуп шишиген Аида Азизди унута албай жаман абалда калды, арадан бир ай өткөндө гана башка кафеге ишке кирди. Бул кезде ал өзүн алаксыта унутуп Азизди ойлобой калган эле. Убакыт өтүп Ырыскелди эки жаштан өткөндө Жайлоокан дагы кош бойлуу экенин билгенде Айбекке кеңешмек болду.

- Айбек, менин боюма дагы болуп калыптыр, алдырып коеюнбу?

- Эмнеге, баланын кандай зыяны бар, төрөй бер алтыным, мен өзүм багам, кам санаба.

- Жалгыз иштейсиң, Аиданын тапканы өзүнөн чыкпайт.

- Үстүбүздө үйүбүз турат, жашообуз кудайга шүгүр, эмнеге алдырмак элең, ал дагы тирүү жан да, сен анын сурагын берээриңди унутпа, - деп жылмая карады.

- Жылыга төрөгөндөн…

- Эмне балабыз эки жаштан өттү, үч жаштан өтүп калат, эчтеке болбойт жаным, жакында ага-инимдерге алпарып абысындарың менен тааныштырып келем, - деп Айбек бапыраңдап жатты, - Менин адамча жашап жатканымды көрүшсүн, түрмөгө отурган адамды киши дешпейт бу адамдар, жылан көргөнсүп үркүп кетишет, ага-иним өз эмеспи, колдорунан келгенин берип узатышкан.

- Анда дурусураак барышыбыз керек го?

- Сөзсүз, жакында бир арзаныраак машина алсамбы деп турам, кандай дейсиң?

- Жакшы болот эле.

- Сендеги акча корогон жокпу?

- Жо-ок, ашканын кошуп жатам.

- Сарамжалым десе, сенден бөлөк аялга жолуксам кандай болоорумду ким билет эле, ичип алып жетелешип жүрмөк, - деп аябай кубанып отурду.

- Койчу, анчалык эле мактай бербей, өзүң жакшы жүрдүң да.

- Ошондо деле ким билет, - деп Айбек өткөн бир окуяны эстеп унчукпай калды. Бир аялга жолугуп түрмөдөн чыккандан кийин шаарга келип эки-үч күн ичип жүрдү, ал аялдын батири бар экен. Эптеп-септеп жашаган аял өңдүү түстүү эле, Айбек аны менен жашап калууга аракеттенди, бирок күндө кечинде салат-палат менен бир бөтөлкөнү алып келет да Айбекке дагы куят, экөө ичкенден кийин дагы алып келет. Бир күнү:

- Света, минтип ичкенибиз болбойт, жашагың келсе ичкенди токтот, - деди Айбек.

- Эмне, ичкенимден зыян тарттыңбы, мен бирөөнүн акылы менен жашабайм, - деп чакчарыла карады Света.

- Анда мен сени менен жашай албайм, - деп кетмек болду эле ал кайра жасакерлене калды.

- Койчу эми, сенин да аялың жок, менин эрим жок жашай берели, кез-кезде ичип коет экенмин, - деп ыйлап кирди Света, - Балам жок, же эрим жок, менин арманымды ким түшүнмөк эле?

- Света, арман дегениң болбогон нерсе, сен эле бекенсиң төрөбөгөн, миңдеп саналат жер үстүндө, кыска өмүрдө акыл менен жашаш керек, эгерде шылтоолоп дагы иче берсең мен кетем, - деп ал күнү калып калды, Света ал күнү бир аз ойлонгонсуп калганы менен эртеси, анын эртеси да ичкенин токтотподу, акыры унчукпай басып кетти. Кийин эки-үч жолу Света жолугуп:

- Айбек, мени кечир, сен туура айтыпсың, мен кеч ойлонуп калдым, кел чогуу жашайлы, - деди эле Айбек болбой койду.

- Жок Света, мен эми аял дегенди уккум келбейт, - деп басып кеткен эле…

- Айбек, сен эмнени ойлонуп кеттиң? - дегенде селт эте түштү, - Сен бир нерсени ойлонуп калдың да?

- Аа-а, өткөн күн эске түшүп кеткенин карабайсыңбы? - деп ыңгайсыздана күлүп калды, - Андан көрө эки күндөн кийин дагы подреалга берген товарлардын акчасын чогултам, кийинки жумада машина алалы ээ? - деп Жайлооканды кучактап бооруна кысты, - Сенин бактылуу жылмайышың эле мени өзүң менен бирге бактыга бөлөп турат.

- Мен бактылуумун Айбек, менин жашоомо сенин келишиң өзүнчө бир бакыт кушу конгондой эле болду, - деди Жайлоокан анын төшүнө башын жөлөп.

- Ыраспы жаным?

- Ооба, чынымды айтып жатам.

- Апа, Аида эжемди ала качып кетиптир! - Алида кирип келди.

- Ким, кайда алып кетиптир? - Жайлоокан элеңдей карады.

- Эшикте кишилер келе жатат, - дегенде Айбек менен Жайлоокан экөө чыга калганда алдынан адамдар чыкты:

- Кулдугубуз бар куда, кызыңар бизге келин болуп калды.

- Кимге, каякка?

- Нарынга, баланын аты Алмаз.

- Сүйлөшкөн бекен? - деп сурады Айбек.

- Мына, бул кат кыздын каты, - деп бириси төрт бүктөлгөн кагазды сунду. Айбек Жайлооканга сунду, ал күйөөсүн бир карап алып катты ачып окуду да:

- Кириңиздер, - деди Айбекке башын ийкеп.

- Кириңиздер, кудалар, - Айбек колун үйгө жаңсап жол берип киргизди, ошентип Аида жакшы жерге турмушка чыкты, ачуу басарга жыйырма миң алып келишиптир, бир кой, бир ящик арак, таттуулары дагы бар, кудаларын жакшылап сыйлап жөнөтүштү.

Эртеси Жайлоокан Тургунаалыны издеп дагы барды.

- Кызым келдиңби? - деди көрүп эле баягы адам.

- Ооба аба, кабарын билдиңизби?

- Билдим кызым, ал азыр карылар үйүндө экен, мына бул даректен табасың, - деп колуна даректи берди.

- Рахмат сизге, - Жайлоокан ыраазы боло басып кетти, ал ошол эле замат карылар үйүн издеп жөнөдү, акыры таап кирип барды да, - Ушул жерде Тургунаалы деген адам барбы? - деди.

- Фамилиясы ким? - деди нянкасы.

- Атасынын атын билбейм, алтымыштардагы киши.

- Кимиң эле?

- Атамдын бир тууганы экен, көрсөм болот эле.

- Атаңдын бир тууганы болсо кандай билбейсиң, тооба кызык адамдар көп, биерде бекер отургансып сүйлөшөт, - деп ары көздөй басып кетти, айласы куруган Жайлоокан директорунун кабинетин сурап кирип барды:

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык, келиңиз.

- Мен бир адамды издеп жүрдүм эле, аты Тургунаалы, Туку дешет экен.

- Атын ким билет, бир чалды жаңы гана алып келишкен, - деп өзү кошо экинчи кабатка көтөрүлдү да бир бөлмөнүн эшигин ачты, - Карап көрүңүз, бул киши эмеспи? - дегенде кирип барып бир саамга тиктеп туруп калды:

- Сиз Тургунаалы эмессизби? - деди анан.

- Ооба-ооба менмин, сен кимсиң кызым? - деди Тургунаалы башын өйдө көтөрө, - Мени издеп келчү эч ким жок эле…

- Мен Жайлооканмын, Туйгундун кызы.

- Оо садага кетейин десе, аман-эсен жүрөсүңбү кызым? - Анын үнү калтаарый каргылдана чыкты, - Сен мени табаарыңды билгем, - Көздөрүнөн чолок жаш агып умтула берди, - Келчи каралдым, мен сени Алмагүлдөн сурап таппай келдим эле.

- Ыйлабаңыз, сизди алып кетейинби? - деди Жайлоокан.

- Жок-жок, менин эми өлөөрүм эле калды, сага түйшүк тарттырбайын кызым, издеп келип сөөгүмдү агартып койдуң, ушунуңа ыраазымын! - деп сүлкүлдөп ыйлап турду. Жайлоокан негедир аны жек көрүп турду, ата-энесине жамандык кылгандын кесепетинен ушинтип калгандай ичинен: "Айла жок, атамдын бир тууганы катары сыйлайын, өмүр бою жасаган күнөөсүнүн жазасын тартып ушул абалга келген экен", - деп ойлонуп кайра директор аял менен бирге чыкты да:

- Эки-үч күндө келип алып кетем, - деди суз гана.

- Жарайт, кароосуз болсо же балдары баккандан отказ кылса биз бага беребиз, силердей кызы болсо албетте жакшы эмеспи, - деп директор жылуу коштошуп кала берди. Үйүнө келген Жайлоокан дагы үн чыгарбай көпкө отурду: "Атам деп кантип айтмак элем, агам бойдон калганы жакшы, өлгүчө карап багайын, атамдын бир тууганы болсо, апамды сүйүп үйбүлө күтпөй бир өмүрүн жалгыз өткөрсө кантип карабай коем, Айбек менен кеңешейин деп алып келейин", - деп ойлоп кечки тамакка киришти. Ошол кечте Жайлоокан күйөөсүнө болгонун болгондой айтты, Туку агасы жөнүндө айтып:

- Карып болуп калыптыр, - деди үшкүрүнө.

- Жакин, эгер макул десең алып келели, сенин төркүнүң менин төркүнүм, бизди кудай айрыбаса түбөлүк бирге болобуз, сен менден тартынба, андан көрө барып алып келели.

- Макул болбойт го, алып кетейинби десем уккусу жок.

- Ал сенден тартынып жаткандыр да.

- Билбейм.

- Бир сыйра кийим-кече ал дагы экөөбүз такси менен барып үйгө алып келели, - Экөө кеңешкен соң жыйган акчаларын эсептеп эки миң долларга чейинки машина алмак болушту. Аиданын топтогон акчасына кийим-кече алып Тургунаалыны алып келишти. Ал өтө карыгандан эмес өпкөсүнөн жабыр тартып калган экен, үйдөн жакшылап карап, күчтүү тамак ичкенге оңолуп калды. Жайлоокандын сары санаасы муну менен эле бүтө койгон жок, Аиданы кууп барганга тууган-уругу жок туруп калышты. Алардын барбаганынан улам кудалары өзү чакыртып ийишкен экен, Тургунаалыны алып барышты, абдан түшүнүктүү адамдар болгондуктан жакшы сыйлап, кийитти жакшы койду да алдына дагы жыйырма миң сом, бир жылкы, бир уй дешти:

- Алып кетебиз десеңер азыр алып кеткиле куда, мен ушул неберемден эчтеке аябайм, келиним Аида дагы жакшы чыкты, биз мындан ары сыйлаша турган адамдарбыз.

- Ооба-ооба куда, кыздан алган жарыбайт деген сөз бар, бирок кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт дегендей бергениңерди алсак эки балага эле кайра алып келип беребиз, - деди Айбек күлө.

- Туура, неберем бир баламдан калган туяк, атасы өлүп калган, бармактайынан кемпир экөөбүз бактык, - деп кудасы Эмилбек чындыгын айтып отурду. Бака-шака түшкөн кудалар жылкы менен уйду өздөрү жеткирмей болуп узатып коюшту. Жайлоокандын санаасы тынчый түштү, түшкөн жерин көрүп кудайга миң мертебе ыраазы болуп турду: "Эми Алидам, андан кийин Амина", - деп ойлоно көзүн жумуп алды, эми анын алдында чоң милдет турган эле, ал сеп даярдоо.

Көп өтпөй машина алышты да кийит-кече алып Айбектин агасыныкына жөнөмөк болду:

- Алида, тайкеңди жакшылап кара, тамактан кемип калбасын, - деп кетээрде катуу дайындап кетти.

- Жакшылап карайм апа, ойлонбой эле коюңуз.

- Ошент садага, үч-төрт күн жүрүп калышыбыз мүмкүн, - деди да Айбек экөө тандап жүрүп алган Ауди-100 машинасына отуруп жолго чыгышты. Тез эле жетип келишти, Акылбек агасы үйүндө экен, машина токтогондо майда үч-төрт балдар чыга калып чоочуркай карап калганда Айбек:

- Оо азаматтар, кимиңер Акылбектин баласысыңар? - деди аларга.

- Мен.

- Мен, - деп эки бала мурдун дердейтти эле аларды өөп:

- Атаң кайда? - деди.

- Акылбек атамбы? - деди бири.

- Эркин атамбы? - деп бири сурады.

- Акылбек атаң, - дегиче дарбаза ачылып Акылбек чыга калды.

- Оо кел-кел, Айбек! - деп экөө кучакташып калышты.

- Кандай жатасыңар, аке?

- Кудайга шүгүр, кир үйгө.

- Азыр, жалгыз эмесмин, келиниң бар, аке, - Айбек Жайлооканды түшүрүп Ырыскелдини көтөрүп бери басты. Учурушкандан кийин чогуу короого баштап кирди, аялы Созулкан аты айтып тургандай созулган аял эле, ал дагы жакшы кабыл алды. Көтөрүнүп келген инисине ыраазы болуп арыдан бери коюн сое койду. Ошол кезде жаш келинди киргизди.



- Айбек, бул Надырдын аялы, - Созулкан келинге кайрылды, - Асел, жүгүнүп кой балам, бул кайната-кайненең болот, - дегенде келин жүгүнүп калды, - Келиндин көрүндүгүн баладан өзүм алайын, - деп Созулкан күлүп калды.

- Ооба-ооба, - деп шашкалактаган Айбек чөнтөгүнөн беш жүз сом алып берди, - Кел балам, - деп Аселди чекесинен өөп, - Бактылуу болгула, балам, - деди.

- Эми Азимбектин аялы келет, чакыртып ийдим, - деди Акылбек күлө карап.

- Болсун аке, силерге рахмат, жеңем экөөңөргө карыздармын.

- Ошо да болчу беле, биз бир туугандарбыз, андай дебе, сен шайтандын азгыруусуна кирдиң, болбосо жакшынакай жашап жаттыңар эле.

- Ой Акылбек, азыр үч келин келет, алар кызмат кылат да, кайнагасына жүгүнтүп коеюн, - деди Созулкан, - Бири Азимбектин аялы, экөө биздин келин, - деп кайра чыгып, - Киргиле, кайнагаңардын алдына жүгүнүп койгула, айланайын, - деди эле, бири-биринен өткөн татынакай үч келин кирип келип ызаат кыла жүгүндү, бири улуураак, тотугуп калган, - Мына мунусу Азимбектин келинчеги, бул экөө биздин келин, бул Эркиндин, бул Нурдиндин келинчектери.

- Болсун, жеңе болсун! - Айбек шашкалактап дагы чөнтөгүнөн акча алып чыкмак болгондо Созулкан күлүп калды:

- Тим эле кой эми.

- Жо-ок, келиндериме бербегенде анан, - деп дагы беш жүз сом берди, Жайлоокан төртөөнө төрт жоолук салды, - Бактылуу болгула айланайындар.

- Бактылуу болгула, - деди Жайлоокан дагы. Ошентип эми эки уулуна жолугуу калды, негедир жүрөксүп турду, бир кездеги бок мурун балдарынын минтип зыңкыйган ай чырайлуу келинчек алып калганы мезгилдин озгону эмей эмне?

- Азизбек кайда, жеңе? - деди Айбек Созулканга.

- Ал келген, аялын алып келип кызы менен шаарга кетип калышты.

- Аа-а, аялы менен элдештиби?

- Ооба, ал дагы шайтанга азгырылып барып токтоду, кызы төрткө чыгып такылдап калды.

- Жакшы болуптур, дарегин билбейсиңерби?

- Кайдан, шаардагы балдар билбесе…

- Өзүңөр кандай жеңе анан, балдар кайда, үйдө элеби?

- Эркин Москвада, анын балдары чоңоюп калбадыбы. Нурдин болсо жакында эле үйлөндү, Айдин менен Элмира окуп жүрүшөт, шаарда алар. Айдин ажырашып кеткен, аялын кетирип ийди.

- Жакшы, денсоолук жакшы, тынч аман жатыпсыңар, кудайга шүгүр, а Айдинге эмне болуп кетти экен?

- Ким билсин, азыркы жаштарды түшүнбөйм.

- Созул, тур ичегини жууй кой, келиндердин колу бошобой калды, - деп Акылбек баш бакты.

- Мен жардам берейин, - деп Жайлоокан турмак болгондо:

- Кой кокуй, сен эмеле келип жардам бербей эле кой, бүгүнчө мейман болосуң, эртең ысман, анан көрөбүз, - деп Созул күлүп чыгып кетти. Кеч киргенде Азимбек менен Надырбек келип суз учурашып тим болушту. Ошентип Айбек балдарынын бойго жетип үйбүлө күтүп калганына ичтен ыраазы болуп турду. Андан кийин Алымбек аялы экөө келип калды, бир туугандар бажырашып бир дасторкондо түн жарымга чейин отурушту, эртеси Алымбектин эки келинин дагы жүгүндүрүштү, каада-салттын ушунусу улук эмеспи. Созулкан улуулугун кылып, байбиче катары баарына акыл-насаат айтып, Акылбек экөө аркы-беркини түшүндүрүп отурду. Эки-үч күн туруп анан Алымбек коноктоду, Ырыскелдиге агасы бир торпок, иниси бир кой берди, кетээринде Жайлооканга бир сыйра, Айбекке бир сыйра кийит кийгизип, бир койду союп салып берип узатты. Жайлоокан эч кимиси жок ээн талаа, эрме чөлдө калгандай жалгызсыраган күндөрү өтүп эл күтүп, кайын-журттуу болгонуна жетине албай кубанып жатты. Үйүнүн жанына сарай салып мал күтүп калды. Жайлоокан эми Аидага сеп каптамакка даярдык көрө баштады. Ошол арада Айбектин үч баласы чогуу үйбүлөсү менен келип калышты. Айбек жетине албай эки небересин кучактап жыттап тосуп алды. Азиздин кызы беш жашта, Азимдин уулу эки жашар, ал эми Надыр балалуу боло эле эле. Жайлоокан сеники дебей жан дили менен дасторконун жайып жатты.

- Келгениңер жакшы болду балдарым, Нуриланы көрүп жатасыңарбы?

- Ал апам менен, чоңоюп бойго жетти, быйыл окууга келмек эле, келбей калды, апам ооруп калыптыр.

- Окууга келсе үйгө эле келсин, биерден окуй берет.

- Айтабыз го, - деп Азиз Жайлооканды жал-жал карап коюп отурду: "Аида апасына окшош экен да, кайда болду экен, ал мени унутту бекен, иштеп жүрсө керек", - деп ойлонуп кетти. Айбек аны билип тургандай.

- Жакин, Аидалар бүгүн келебиз дептир, ырас баары бирдей конок болушсун, сага айтам деп унутуп кеткен турбайынбы, - деди.

- Качан, ким айтты?

- Телефон чалды.

- Анда камыныш керек, канча киши келет экен?

- Жети киши деди го?

- Кой, анда мен кийит-кече алып келе калайын, союшун кандай кылабыз?

- Союш болот го дейм, семиз эле.

- Аны балдарга өзүнчө сой, кудалар менен чогуу бир кой жетпей калат го, кенен кесир жешсин.

- Ошент, Алида сен акеңдерге чай берип отур, мен эртерээк дордойго барып келе калайын, - Жайлоокан туруп төркү бөлмөсүнө кирип кийинип чыккан Жайлоокандын келин сыны кете элек эле, кыркка жаңы чыгып мөлтүрөгөн эле курагы, кайнене болуп, күйөө бала күтүп көңүлү толо баштаган. Айбек элүү экиде, бири-бирине төп келишкен жубайлар.

- Жакин, машина менен эле барып келе жатып койду экөөлөп тандап алалы, - деди Айбек.

- Сен дагы кетип калсаң болбойт го, балдар менен сүйлөшүп тур.

- Бара бериңиздер, биз отуруп турабыз.

- Анда силер бул койду сое бергиле, өзүңөр билип, - деди Айбек.

- Болду өзүбүз биле беребиз, конок камын дагы көрүп коебуз, келсе тосуп ала берелиби? - деди Азим күлүп.

- Тосуп үйгө киргизе бергиле, - деди Жайлоокан дагы жылмая.

- Эч камтама болбоңуздар, баарын өзүбүз жайлайбыз, - деп Азиз дагы кошулду. Айбек машинасын от алдырып Жайлооканды жанына отургузуп жөнөп кетти. Балдары атасына ыраазы болуп калышты, аялдары үй ичин өздөрү билгендей жыйнап конок бөлмөнү даярдап, балдары койду союп куурдак жасап, Алида менен Амина аларга жардам берип жатты, Ырыскелди болсо оюндан башка иши жок, атасы алып берген чоң оюнчук машинаны эшиктин алдында ар-бери сүйрөп ойноп жүрөт. Кечке маал эки машина менен кудалар келип калды. Асел менен Жазира, Жамал үчөө өздөрү билип эле манты түйүп дасторконду кооздоп, баарын даярдап кызмат кылып жүрүштү. Жайлоокан аябай ыраазы болуп кудалары менен Айбек экөө конок үйдө болушту. Аидага Азиз көрүнбөгөнгө аракет кылды эле капысынан сыртка чыгып келе жатып сүзүшүп калды:

- Аида.

- Азиз, сен кайдан?

- Кийин түшүнөсүң? - деп кирип кетти. Аида дендароо боло бир аз турду да: "Демек Айбек байкенин баласы болсо керек", - деп ойлоп чыгып кетти.

Кудалары алдыга түшүп келгендиктен мал алып келе албай алыс жолдон келгендиктен акчалай жүз миң сом алып келиптир, Жайлоокан кызына ыраазы болуп турду: "Айбектин айтканы туура экен, кызым эстүү эмеспи, татыктуу күйөөгө чыкты, эми бактылуу эле болсо экен, ылайым бала-чакалуу болуп өзү менен өзү болуп кетсин", - деп көз жашын көлдөтүп элдин аягын карап: "Кимиси жакшыраак берип коер экен, адамча жашап кетсем болот эле, кыздарымды өмүр бою ушинтип кайырчылык менен багамбы", - деген күндөрү көз алдына тартыла жашы мөлт этип кетти. Кийит-кечени ойдогудай кийгизип кудаларын узаткандан кийин үч баласынын ар бирине он миң сомдон беришти. Келиндерине жоолук салып неберелерине да көйнөк кийгизип анан узатаарда Жайлоокан:

- Келип-кетип тургула, мени өз энеңердей көрбөсөңөр дагы эжеңердей көргүлө, качан келсеңер эшик ачык, бул да силердин үйүңөр, - деди

- Сизге рахмат, келип турабыз, - дешип жакшы маанайда жөнөп кетишти. Айбек машинасы менен шаар ичине жеткирип кайтты.

- Капа болушпадыбы? - деп Жайлоокан күйөөсү келгенде андан сурады.

- Эч качан капа болбойт, кайра ыраазы болуп калышты, айрыкча келиндерим сени мактап жатат.

- Мактабаса дагы капа болушпаса болду, эми бир чоң милдетимден кутулсак экен, - деди Жайлоокан ойлуу.

- Кам санаба жаным, буйруса Аиданын себин жакшылап алып барабыз, - деп Айбек аялын карады, экөө кеңешип отуруп Айбек контейнер алып ошол жерди оптовый кыла турган болду, себин даярдап бүтүп калганда ичи бир топ билинип калган, күзүндө Аиданын себин Нарынга жеткиргенде таежесин, Айбектин эки баласы менен бир келинин кошуп барып келди. Бул кезде Аида кош бойлуу эле, Алмаз айылда мугалимдик кесипте иштейт, кайната-кайнене небере келининин көзүн карап турушат, алардын минтип эркелетип турганы Аиданы алардын алдында милдеттүү кылып ого бетер карыларды сыйлаган келин болду. Кышында Жайлоокан дагы уул төрөдү, бапыраган чоң үйбүлө болуп жатып калды. Алида бой жетип Жайлоокан эчтеке кылбай эки кичинекейи менен үйдө, кез-кез келин-уулдары каттап турат, Тургунаалы эчтеке менен иши жок кирип-чыгып өзү менен өзү, кызым деп Жайлооканга айталбайт, карылар үйүнө калтырбай багып жатканына ыраазы, анын үйүнө Азиздерди батир жалдатпай киргизип койгон, аны Тургунаалы өзү Жайлооканга бердим деп кол кат жазып берип койгон. Айбек ага паспорт балдарына Аминаны кошуп өзүнө жаздырып күбөлүк алып Аминаны мектепке окутуп койгон. Тургунаалынын үйү абдан жакшы там болчу, кирпичтен салынган жети бөлмөлүү, короосу кенен, эки бөлмө өзүнчө времянкасы бар. Азиз, Азим экөө тең ошол үйдө, врамянканы тазалап актап батирге берип, ага улап узунунан дагы беш алты бөлмө тургузуп батир кылып оңуп калды. Жайлоокан ага киришпейт дагы, кээде гана келип эки жагын көрүп алма багын карап кетет, оюнда балдары чоңойсо бул үйгө ээлик кылат деп жүрөт. Жазга маал болчу, Алиданы дагы ала качып кетиптир, ошентип эки күйөө балалуу болуп энелик милдетин аткарып Айбек менен ынтымактуу жашап жатканда Тургунаалы төшөк тартып жатып калды. Үйдө эки баласы менен Жайлоокан бар эле:

- Жакин - деди Тургунаалы, - Мени кечир, кандай болсо да сага айтышым керек, сенин апаң Толкун келип мени ээрчитип кетти, ошол апаң деп жүрүп башка аялды жактырбадым, тагдыр экен, - Онтоп алды, - Мага абдан нааразы чыгаарсың, менин сага таштаар байлыгым жок, болгону бир сөзүм бар.

- Аны айтканда не…

- Айтпасам тиги дүйнөгө оор күнөөнү аркалап кетчүдөймүн, сен менин кызымсың, атаң экөөбүздүн апабыз бир эле, кызым…

- Мен аны уккум келбейт, менин атам Туйгунаалы гана, сизди атамдын иниси катары караганым жетээр!

- Мейли кызым, өзүң бил, бирок айтып коюум керек, апаңды да уу чөп берип өлтүргөн, мага ыраа көрбөгөн.

- Аке, өткөндү мага айтуунун кереги жок.

- Өзүм үчүн керек кызым, жок дегенде бирөөгө айтып өмүр бою тарткан азабымды жеңилдетип алмакчымын, эгерде атаң кыска ойлоп ачууга алдырбаса мен үйлөнүп өзүмчө жашап кетмекмин, үйдү ошондо алып үйлөнмөк болгонумда атаңдар өтүп кетип, өзүмдү күнөөкөр сезип үйлөнбөй так өттүм го?

- Көп ойлоно бербей тынч жатыңыз, али да болсо көп жашайсыз.

- Жок кызым, менин көрөөр күнүм бүттү, аз да болсо өз кызымдын колунан даам татып, колунда болдум, бул дагы рахат эмеспи, сага узун өмүр тилейм, ылайым кайгыдан алыс болуп бакубат жашагын садага, - деп демиге жатып калды, Жайлоокан үндөбөй калды, ошол коштошкону болдубу, айтор ошол эле түнү көз жумуп кете берди, ызааттап-сыйлап, акыркы жайына узатаарда күркүрөгөн куда-кудагыйлары келип Тургунаалыны жерге беришти. Жайлоокандын эки кызы күйөөлөрү менен, Айбектин үч уул, үч келини ошол жерде болду…

***

Сейил күндөшү менен уруш-талашы болбогону менен анын астыртан жасаган аракетин байкап бир күнү Сайыпжамалдын үй кызматын кылган келинди чакырып алды, экөө көпкө сүйлөшүштү, бирок эч ким алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн билген жок. Сайыпжамал болсо "байлык менде калат, балам турганда талашып көрсүн, сасыган чалдын көзүн тазалайм", - деп ойлонуп өз аракетин кылууга ашыгып жатты. Бир күнү Зарипжан башым деп жатып калды. Сайыпжамал дал ушундан пайдаланып өз максатын ишке ашырууга киришип кызматчы келинге:

- Мына бул дарыдан кошуп суу алып келчи, дарыны ичпей жатат, - деди.

- Макул, - деп келин Сайыпжамал берген дарыны кошпой эле бекитип койду да жылуу суу алып келди.

- Зарипжан, кичине жылуу суу ичип алчы.

- Андан көрө күчтүү тамак жасатсаң боло, - деди ал.

- Тамак бышканча оозуң кургап турат, ичип алчы азыраак.

- Келе ичсе ичип алайын, - деп чыныдагы сууну жутуп жатып калды, Сайыпжамал аны эмне болуп кетээр экен деп карап турду, бирок ал көзүн жумуп жатып калды, ошондо Сайыпжамал:

- Зарип, кокус ушинтип көзүң өтүп кетсе балдарың бизди сүрүп чыгарып коет, байлыгыма балдарымдын тиешеси жок деп өз колуң менен жазып берип кой, - деди жүзүнө эңкейип, андан жооп болбоду, ошондо Зарипжанды жулкулдата, - Өлүп баратсаң да көзүңдү ачып жазып берчи, балам экөөбүзгө ташта байлыкты! - деп Сүйүнгө кыйкырды, - Сүйүн!

- Эмне болду эже?

- Жанагыны бүт коштуң беле?

- Ооба.

- Жарымын кошпойт белең, эчтекеге үлгүрбөй өлүп калат го, мен мындан өлөөр алдында кол кат алып калышым керек эле, - деп кайра Зарипжанды жулкулдатып кирди, - Зарипжан, көзүңдү ач, балаңа бердим деп жазып калтыр! - деди эле дале козголбоду. Анткени Сүйүнгө айтып жатканда угуп калган, ал мурда Сүйүнгө эскертип маянаны жакшы төлөп берип өзүн сактандырып койгон эле. Ал мындайча болгон. Бир күнү телефон менен сүйлөшүп жатканда Зарипжандын кирип келе жатканын сезбей:

- Кам санаба апа, бүт өмүрүбүзгө жетчү байлыкты өзүм алып калам, мен бу чалга жөндөн жөн байланган жокмун, эптеп көзүн жоготуп алсам үй менин наамымда, ооба-ооба апа, менин эч кимим жок деп артист болбой жан жокпу? Ооба ошенткемин, үйдү сатсам эле эки миллион болот, калган малды айтпай эле коеюн, силер мени күткүлө, өзүм чалам, силер чалбагыла, жакшы тургула, апа! - деп телефонун өчүрүп көпкө ойлуу туруп калганда билмексен болуп Зарипжан кирип келди:

- Ким менен сүйлөшүп жатасың?

- Шаарда бир теңтушум бар эле, ошол чалыптыр.

- Эмне дейт?

- Жөн эле, ал-акыбал сурады.

- Аа-а, курбуң болсо конокко чакырып кой да, - деди Зарипжан билмексен боло. Ал эч кимим жок деп жүргөн аялынын "апалап" жатканын, өзүнүн көзүн куруткусу келгенин билгенден кийин Сүйүнгө акырын жолугуп сүйлөшкөн. Ошондо Сүйүн Сейилге ыраазы болду, себеби ал: "Эгерде Сайыпжамал Зарипжанга зыян кыла турган болсо аны сактап кал, анын көз карашы таптакыр башкача, мен сага ал бергенден көп төлөйм", - деген болчу. Сайыпжамалдын телефону чырылдап калды эле ал башка бөлмөгө кирип:

- Ало, мен силерге чалбагыла дебедим беле, азыр ооруп жатат, бүгүн түндөн чыгабы билбейм, ой ал билбейт, өз балам деп ойлойт, ошонун арты менен эптеп байлыкты алып калсам деп жатпайынбы, болду өчүрөм, андан кол жазма алып калыш керек, - деди да өчүрүп кайра кирди. Зарипжан анын киргенин көрүп кыңкыстай кыймылдап калды:

- Жамал, Сейилди чакыртчы!

- Эмнеге? - Сайыпжамал чоочуп кетти.

- Чакыр, өлөөрүмдө ага дагы бөлүштүрөйүн, - деди сынай.

- Төрөгөн баласы болбосо ага эмнеге таштайсың, мен бала төрөп берип, жаштыгыма карабай сени менен жашап жатам, - деп Сайыпжамал тыбыраңдап ийди.

- Сүйүн! - деди Зарипжан, - Сейилди чакыр, Илгиз менен Мурас болсо аларды дагы чакыр, - дегенде Сайыпжамал анын жанына чөгөөлөй отуруп алып:

- Зарип, балдарыңдын энчиси өзүнчө, мени менен балаңды да ойлосоң, Сейилге эмнеге бөлмөк элең, ал бекер эле жашап жүргөнүнө кудай десин да, эч ким жокто тил кат жазып бере сал, мен катып алайын, - деди көз жашын чуурута.

- Ошолордун көзүнчө жазып берем, кабатыр болбо.

- Сейилге эмнени бересиң?

- Жылкынын теңин.

- Эмнеге, ошончону эмнеге бермек элең?

- Ал дагы жаш, төрөбөсө да мага аялдык милдетин таза аткарып келе жатат.

- Менчи, мен таза кызмат кылган жокмунбу, жоктун айынан күң болуп сенин малыңды багып уюңду сааганым үчүн күң-токол деп кемсинтесиңби, тууган балам анын ээрчитип келген кызынча болбойбу? - деп булкулдап жатканда Сейил кирди:

- Чакырттыңарбы?

- Ооба, Илгиз менен Мурас келе элекпи?

- Алар жок эле.

- Анда-а, - деп Зарипжан өйдө болду да Сүйүнгө карап көзүн ымдап койгондо ал чыгып барып кагазга оролгон ууну алып келип берди, - Бул менин түбүмө жетчү аял экен, Сейил, бүгүндөн баштап сен бул үйгө көчүп кел.

- Эмнеге? - Сайыпжамал көздөрү чакчая карады.

- Сен балаңды ал дагы кетчү жагыңа кете бер, эмгегиңди берем, балам жок эмес, бирөөнүн баласын бага албайм, - дегенде Сайыпжамал Сүйүндү акырая карады.

- Мен сотко берем!

- Макул соттошобуз, балаңды текшертем, эгерде нак менин балам болсо сенин каалаганыңды кылам.

- Анан кимдин баласы болмок эле? - Сайыпжамал мойнуна албай актангысы келди.

- Апаңа айткандан уялба, мага актан.. Жетишет, сенин оюнуң ордунан чыкпай калды, үйдү Сейилге каттатам, - деп Зарипжан тескери карап кетти.

Сайыпжамал үн дей албай калды, соттошууга баргандан коркту, Зарипжан Сейилди алгандан кийин көпкө келбей калган, ошол убакта ал уй кайтарчу Бөрүбай менен жүрүп боюна болуп калганда: "Аялымды зорго багып жүрөм", - деп тигиниси баш тартып койгон. Ошондон көп өтпөй Зарипжан түн катып кайра келген болчу, ошондуктан ал айта албады, бирок нике кагазын бетке кармап ар кайсы эшикке барды, бирок ал эчтеке кыла албады, эмгегиң деп он беш миң сом менен кийим-кечесин алды да жолуна түштү. Ошондо гана ач көздүк адамга жоо болоорун сезип өкүнүп үч баласы менен келген жагына жол тартты. Сейил эки кабат үйдө жашап калды. Балдарынын атасы менен катышып жатканын угуп өзүнчө кейип, ичи тызылдаганы менен астыртан балдарына жардам бермек болуп Нуриланы жөнөтүп үйүнө чакыртты да, алар келгенче Зарипжан менен сүйлөшмөк болду.

- Ушунча жыл сени менен бирге жашадым, балдарым үйлөнүп-жайланды, жардам бере албадым.

- Сейилжан, балдарыңды чакыр, жакшылап коноктоюн, сен капа болбо, аз жерден өзүмө өлүм тилеп ала жаздадым, адам аласы ичинде деген чын туура, ажалым жок экен.

- Эч нерсе эмес, Сүйүн экөөбүзгө ал үчүн карызсың, - деп күлүп койду Сейил.

- Туура, экөөңө карыздармын, балдар келсе бээ союп конок кылалы, үчөөнө бирден жылкы берейин, ансыз дагы бир алдамчынын чеңгелинде кала жаздады, - деп Зарипжан астейдил айтканда Сейил ага ыраазы болду.

- Мен ыраазымын, балдарым келип-кетип турса эле болду, адам байлыкты көрүнө ала кетмекпи, тирүүдө жакшы жашап өтсө болот, мен сенин дүнүйөңө, байлыгыңа кызыкпайм, күйөөм болуп, балдарымды мен үчүн сыйласаң болду.

- Ыраазымын Сейилжан, ушул жашымда мени сыйласаң, менин ысык-суугума чыдап, барыма-жогума чыдасаң болду, - Зарипжан аста ыраазылык билдирди. Сейил акылдуулук менен гана баарын өзүнө каратып түбөлүктүү эмес, аманат жашоодо өкүнүчүн басып, көңүлүн көтөрүп жашоону ойлоп Зарипжандын жары болуп өмүрүн өткөрүүгө бел байлаган эле. Көп өтпөй балдары келинчектери менен келип эненин көөнү көкөлөп көтөрүлүп эки небересин сүйүп бакытка бөлөндү, өзүнүн ооруп жүргөнүн билдирбей жаркылдап келиндерине белек-бечкек берип, уулдарын Зарипжан бээ союп коноктоп, жылкы мингизип узатты. Бул дүйнөнүн кызыгы жакшы жашап, көңүлдүн көтөрүңкү болуп, телегейиң тегиз болсо бакыт ошол деп коюшат эмеспи. Ушинтип Сейил дагы көңүлү тынып калды.

Сайыпжамал арам оюн ишке ашыра албай апасына келди, эки иниси менен бир сиңдиси болуп апасы Алия батирде турчу. Ал атайын кызын бай адамдарга жөнөтүп жатып үч балалуу болду, бирок кыңыр иш кырк жылда дегендей бул үйбүлөнүн арам ишин кудай дагы жактырбады белем, оңунан чыкпады.

- Баш-шы жок, - деди кызы кирээри менен эле Алия ызырына, - Иштебегенден кийин башты эмнеге көтөрүп жүрөсүң ыя?!

- Өзүңөр эмнеге эле телефон чала бересиңер, бирөөсү угуп калыптыр да.

- Мышмыйып кардың тойгонуна кубанып жүрө бербей эртерээк эле бүтүрсөң болбойт беле, андай чалдын көзүн жөн эле тазаласа болмок! - деп Алия жиндене кыйкырып жатты, анын колдорунда алтын шакек, сөйкө билерик, жадагалса мойнундагы чынжыры, оозундагы тиштери дагы алтын, баардык шарты бар батир жалдап жашашат, эки баласы чөнтөкчү, эң кичүүсү гана жашыраак.

- Адамды оңой өлтүрүүгө болмок беле, балдары менен толгон короочулары, менден башка бир аялы бар, - деп жер карап күңкүлдөдү Сайыпжамал.

- Алдагы жасалагаларды чеч дагы, балдарыңды балдар үйүнө таштап өзүңдү бошот!

- Апа, балдар үйүнө кантип таштайм?

- Таштайсың, ушул жашыңда буларды жетелеп жүрүп өмүр өткөрөт белең, эми эле күйөө чыгат! - деген Алия кызынын Зарипжандан тагынып келген алтындарын бүт чечтирип алды, - Эртең эрте кайра алып кетем деп тапшырып кел!

- Албай койсочу?

- Алат, качанкыга батирде жашайбыз, баланы дагы багыш керек, атаңарды мен карызыма берген эмесмин.

- Апа-а, тапшырбай эле иштеп багайын.

- Үч балаң менен өзүңдү багасыңбы же үй алганга жардам бересиңби?

- Эптеп багамын, анда мен өзүмчө батир табамын да балдарымды багам! - деп жини келди Сайыпжамалдын.

- Энеңден кечип кетесиңби?

- Сен кылдың, ушуга тийе кой, тигиге тийе кой деп ушуларды төрөп алдым, эми кереги жок деп жатасың, өзүң деле иштебейсиңби апа, элдин энелери балдарын жакшы жолго үндөп тарбияласа сен бизди эмнеге үйрөтүп жатасың?

- Бас жаагыңды, мен кайда иштейм ыя, силер мени баккыла! - деп ары басып Сайыпжамалдын тагынып келген алтындарын тагынып күзгүгө көрүнүп чачын оңдоп, боенуп алды да, - Мен кеттим, эртең келем. Дайыр менен Зайыр эртең эрте жумушка чыксын, бүгүн акча алып келбесе тамак бербе! - деп коюп жасанып алып чыгып кетти. Анын бир киши жолугуп жүргөнүн билет, бирок ал Алияга үйлөнүү жөнүндө айталек. Алия ага жагуунун амалын ойлоп, ар бир жолугушууда ар түрлүү кийинип барат, бүгүн дагы кош-кош алтындарды тагынып алып жолугушчу жерине барды. Керим өтө сылык, бир мүнөздүү адам, Алиянын өң келбети жакканы менен ашыкча боенуп, жасалагаларды жактырганына ичи чыкпай келет. Күтүп турган Керим алдынан утурлай басты:

- Кандайсың сулуум? - Колунан өбө жүзүнө тигилди.

- Баары жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Жакшы, кана кайда барабыз?

- Сиз тандаңыз, - Алия кылыктуу жылмайып койду.

- Ресторанга кеттик анда.

- Давай, - Күлө караганда жаш келиндей көздөрү ойноктогон аялды колдон ала унаасына отургузду.

- Кеттик анда, - Экөө Бишкектин тең ортосундагы "Восток запад" аттуу күндө келип турчу ресторанга келип ээрчише кирип орун алышты. Тамактанып, кызыл винодон ичип бир аз кызыгандай болгон Алия Керимдин ресторанга төлөп жаткан акчасы менен кашелогундагыны көрүп көзү чакчайып колу менен оозун басып калды.

- Эми кайда барабыз, Керим? - деди билгизбей.

- Көнгөн мейманканага.

- Жарайт, - деп алдыңкы орунга отуруп, Керим айдап жөнөгөндө: "Укмуш, мындай акчаны кайдан табышат деги, экөөбүздүн бир отурганыбыз эле беш миң сом болду го", - деп ойлоп эси-дартынын баары эле Керимдин чөнтөгү болуп жатты.

- Ойлонуп кеттиң го, сулуум?

- Аа-а, эмнени ойломок элем, экөөбүздү ойлоп кеттим.

- Эмнеге?

- Мен бала-чакалуу аялмын, күндө сени менен жолугуп жүрөм, кокус балдарым билсе уят го дейм, же экөөбүз үйлөнбөгөндөн кийин…

- Алия, менин дагы балдарым бар, алар мага уруксат бербей жатат, көөнүбүз түз болсо бир күнү үйлөнөбүз, - деди Керим жолду карап баратып.

- Сени күтүп жүрө берип картайып кетем го, Керим.

- Сен жапжашсың, кылыгың кыздардыкындай, мүчө боюңду жаштардай алып жүрөсүң.

- Өзүң картаң болгонуң менен дечи? - Кылыктана күлүп каткырыгы салондун ичин жаңыртты, - А балким жаштардан тапкың келип жүргөндүрсүң?

- Жок Алия, андай оюм деле жок, компаниянын иштеринен да бошой албай жүрөм, анын үстүнө эки кызым турмушка чыкты, анын майда-бараты, апасы жоктой болбосун деп, андан дагы уулум үйлөндү, түйшүктөн чыга албай эле…

- Туура-а, биздин курак ошондой, эмне кылабыз, жашоо ушунусу менен кызык экен да-а, - Алия улутунуп алды, - Ай койчу деги, түйшүктү ойлоп отурсаң жашагың келбей кетет, андан көрө эс алалычы ээ? - деп Алиянын эси-дарты Керимди эптеп тоноодо болуп отурду, - Бүгүн ичким келип жатат.

- Шашпа-а ичебиз, азыр жетели жаным, уже заказды берип койгомун, - деди капарсыз Керим.

- Ойдон жинди болуп кетчүдөймүн.

- Ойлонбо, буйруса баарын жайгарып тынч жашаганга да үлгүрөбүз, - деп мейманкананын алдына келип токтоп калды, ал өзү келип жүрчү бөлмөнү ачып кирди дагы диванга Алия жата кетти, экөө бир топко аймалашкан соң эшик тыкылдап заказды алып келди, - Сулуум, кел эми, кең-кесири эс алалы, мээни сергитип бир жакшы отуралычы.

- Келдиби, уйкум келип чарчап турам.

- Азыр бүткөн бой жибип эргүү жайда болот, - деп Алияны колдон алып үстөлгө алып келди, - Кана баштадык.

- Оо-оуу, мынчалык тамактын эмне кереги бар, бир аз ичели деп эле айтпадым беле? - деп эркелей грилден алып ооз тийген болду. Суусундук менен импорт арактан экөө эле, - Бир бөтөлкө жетмек.

- Мас болгончо ичебиз, - деп Керим көз кысып койду. Экөө көпкө отурду. Керим бир топ эле мас болуп калды, Алия дагы кызуу болгону менен дагы эле ою акчада, эптеп эле Керимди уктатууда болуп жатты. Бири-бири менен лаззатка батып, махабаттын туу чокусуна чыгып демиге көл-шал болуп жатышты да ваннага кирип жуунуп чыгып арактан ичип суусундуктан жутуп алышты. Ошол убакта Алия Керимге байкатпай өзүнүн стаканына суудан куюп ага аракты баса куюп сунуп жатты, жатып алып жутуп кайра стаканды Алияга берген Керим бир топ мас болуп калды. Кучакташып, ооздорунан өбүшүп көпкө жатып:

- Керим, дагы бирден ичеличи, - деди Алия.

- Сур-раба жаным, сулуум менин, сурабай эле куй, ичебиз, - деди Керим булдуруктай. Алия анын дозасына жетип калганын сезгенден кийин дагы бирди экөө кагыштырып ичип ийишти. Керим дароо эле шалак жыгылды да, уктап калды. Алия шашыла анын чөнтөгүндөгү капчыкты алды да акчаны караса бир көзүндө доллар, бир көзүндө сом бар экен, көзү чакчая туруп калды. Санап көрсө эки миң доллар, сомун санаганга үлгүрбөдү, али эрте болчу, саат түнкү тогуз болгон экен, кийинип алды да дароо чыгып кетти, такси менен батирине келди, келсе балдары уктап жатыптыр, Сайыпжамал болсо үч баласы менен батирге чыгып кеткен. Ага жини келип ордуна жатып алды да эртеси эч жакка чыкпай жата берди. Керим анын кайдан келээрин, кайда жашаарын да билчү эмес, санын чапкан бойдон кала берди. Издеп Кыргызстандын кай бурчунан тапмак эле, ошентип Алия мында бир жолдуу болду, он күн өтпөй салонго барып чачын, жүзүн өзгөртүп, кийимин өзгөрттү да кайрадан капчыктуу "жигит", издей баштады. Бул жолу ага подругасы жолугуп калды:

- Алия, сен кайда жүрөсүң ыя, өзгөрүп да кетипсиң, сени бирөө менен тааныштырам, - деди Гүлнур.

- Ой аныңдын үйбүлөсү барбы деги?

- Бар, бирок көңүл ачканга бирөө керек деген болчу.

- Көрөйүн, - деп кымыя күлүп койду Алия, бирок кокус Керим көрүп калабы деп сактанып турду.

- Ай сонун киши, мен азыр ага телефон чалайын, - деп Гүлнур телефонун терип кирди, - Ало, бул Айталы бекен? Аа-а, тынчыңызды алган Гүлнур, мен сизге бир сулуу келин таптым, тапшырмаңыз боюнча, - деп Гүлнур күлүп койду, - Ооба-ооба, ортомчулукка төлөйсүз да. Айтпаңыз, абдан сулуу, бирок менин курбум, - деген Гүлнур Алияга карады, - Азыр келет, ресторанга алып барат.

- Ошончолук эле байбы?

- Айтпа, ал сени жыргатат, керек болсо үй алдырып аласың.

- Кой-кой эми, жаман мактап жибердиң го?

- Ырас айтам, колу ачык киши, менин күйөөм экөө теңтуш.

- Анан аяшыңа боор ооруп жатасыңбы?

- Аялына эмне керек ай, үйүнө кирсең чыккысыз, кышкы кийиминен эле ондой түрдүү пальтосу бар, баары импорт, жөнөкөйдү кийбейт, башка кийимдерин айтпа, гардеробунда түрдүү кийимдер, бир жыл бою күнүнө бир кийип бүтүрө албайт, башынан аягына чейин алтын.

- Укмуш экен, сенин күйөөң дагы табышкерби?

- Шүгүр курбум, бирок ага жетиш кыйын, - Экөө сүйлөшүп турганда Гүлнурдун телефону чырылдап калды, - Ало-о, угуп жатам, аа-а, биз Советский-Токтогулда турабыз, ооба-ооба.

- Гүлнур, мен жагамбы ал кишиңе? - деди Алия бир аз өзүн ыңгайсыз сезе.

- Сопсонун эле жагасың, отуздагы келиндей эле келишкен келинге окшоп турасың, эч кам санаба, Айталы сени көрсө жабышып эле калат, көрөсүң го, аялы толуп жөн эле чочкодой болуп калган, сүйлөсө кесир сүйлөйт, - деп Гүлнур ага кайрадан жебирей баштады.

- Болду эми, көрөбүз го, мактап эле калдың, - деп Алия курбусунун алдында өзүн абдан оор басырыктуу кармап турду.

- Сен абдан өзгөрүпсүң, салонго бат-бат барат окшойсуң?

- Кээ-кээде гана бара коем, - Ошол убакта алардын жанына жаңы маркадагы машина келип токтоп калды, Гүлнур ага жете барып кайра экөө бери басты:

- Айталы, таанышып койгула, менин курбум Алия, - Гүлнур Алияга кайрылды, - А бул киши менин аяшым.

- Кубанычтамын, сиз менен таанышканыма, - Айталы култуңдай Алияга колун сунду.

- Мен дагы.

- Гүлнур, каршы болбосоңор бир жерге барып отурсак кантет?

- Сиздин эркиңиз, бирок мен бара бергеним дурус го?

- Жо-жо-ок, сен эч кайда кетпейсиң, курбуң жалгызсырап калат го, андан көрө чогуу бир отуруп тамактаналы.

- Жарайт, сенин айтканыңа каршы болуп өлө албай жүрүптүрмүнбү? - деп Гүлнур күлүп калды. Көп өтпөй эле алар айтылуу "Дели" ресторанында отурушту. Үстөл үстүнө тамак-аш толуп, импорт винолор келди, Алия ичинен суктанып отурду: "адамдар кайдан табышат мындай акчаны, неге менде жок, кандай иш баштасам ишим оңолуп эл катары жашайм деги, бирөөдөн корунуп, көрүп калабы деп коркуп жүрүп убакыт да өтүп барат, балдарымды элдей окута албадым, келечеги кандай болоорун билбейм", - деп ичтен сызып отурду.

- Кана Алия, тамакка карайлы, - деди Айталы керсейе сөөлөттөнө, - Бүгүнкү таанышуу үчүн мындан ичпесек болбойт го ээ Гүлнур? - Жылмая Гүлнурга кайрылды.

- Албетте, сунушту четке кагууга да болбойт.

- Келиңиз эмесе, - Алияга стаканды сунду, - Бүгүнкү күн үчүн алып коелу!

- Денсоолук үчүн алалы, - деди Алия сылык гана чоюла көзүн сүзө кылык көрсөтүп.

- Кылыгың кытай шайы эле, шуудурап көңүл аздырган, дегендей кылыктуу "кыз" экенсиз, - деп тийише күлүп койду.

- Кылык кайда, картайып калбадыкпы?

- Коюңузчу, канчага чыктыңыз?

- Элүүгө жаңы чыгам.

- Ох-хо, чын эле жаш көрүнөт экенсиз, отуз беш, кырктарда го деп ойлодум эле…

- Сизге жашы керек го анда?

- Жо-жок, жөн айтканым да, менин аялым сиз менен тең, бирок… - Гүлнурду карады, - Сен билесиң да?

- Эми ар ким ар кандай да, Мистекүл жакшы аял.

- Ооба, жакшы үчүн таштай албай жүрөм да.

- Жакшы аялыңызды канча ирээт жазгырдыңыз экен? - Алия жылмая кытмыр күлдү.

- Эми жашоодо болот да.

- Кечиресиз.

- Эч нерсе эмес, - деп улам винодон алып отуруп анан ресторандан күүгүм ченде чыгышты.

- Эмесе мен бара берейин, сен курбумду узатып коерсуң? - деп Гүлнур кетмек болду.

- Мен өзүм эле кетем, силер бара бергиле, - деди Алия сыпайылана.

- Ошо болчу беле Алия, мен экөөңөрдү тең жеткирем, Асакеме тапшырып анан сизди жеткирем, - деп Айталы Гүлнур менен Алияны отургузуп өзү рулга отурду да айдап жөнөдү. Адегенде Гүлнурдун үйүнүн жанына токтогондо Алиянын ого бетер ичи ачышып кетти, анткени алардын үйү эки кабат, короосу заңгырап, дарбазасы кыпкызыл болгон темирден гүлдөп жасалыптыр. Гүлнурдун үйгө киргиле дегенине карабай жөнөп кетишти. Көпкө чейин унчугушпай келип, анан Айталы Алияга кайрылды:

- Алия, кайда турасың?

- Бейшеналиева көчөсүндө.

- Балдар барбы?

- Бар, эки уул, эки кызым бар.

- Жакшы, жолугушуп туралы, телефон барбы?

- Бар, - Алия үй телефон менен кол телефонун берди.

- Балдар менен турасыңбы?

- Ооба.

- Жакшы, күйөөң эмне болгон?

- Кайтыш болуп кеткен.

- Өкүнүчтүү, сендей супсулуу аялын таштап кеткени.

- Ала кетиш керек беле?

- Ой жо-ок, туура эмес сүйлөп алдым окшойт.

- Боло берет, чынында, өзүнүн шору…

- Туура, ажалга айла жок.

- Жетип калдым, ушул жерге токтотуп койсоңуз.

- Бат эле келип калдыкпы?

- Ооба, - Алия унаадан түшмөк болгондо:

- Алия, дагы бир аз отурсак кандай дейсиң, балким бир жерге отураарбыз?

- Дагы жолугаарбыз.

- Макул анда, жакшы эс ал.

- Жакшы барыңыз.

- Эртең чалам.

- Өзүңүзгө караңыз, - деп Алия түшүп калды, Айталы унаасын буруп айдап кетти: "Буйруса жакшы адам экен, балким ушул адам менин баркымды билээр, кадырыма жетээр", - деп үйүнө келсе эки уулу акча санап отуруптур:

- Апа, мен бүгүн эки жүз доллар таптым, - деди улуусу Дайыр.

- А мен беш жүз сом таап келдим, - деп Зайыр акчасын сунду.

- Азаматтар, этият болгула, үй алып алсак мындай ишти таштайсыңар, уктуңарбы?

- Ооба, - деди экөө тең жарыша.

- Апа, мага Дайыр байкем балмуздак алып берди, - деп кичүүсү Сонун мактана кетти.

- Жакшы, кызым, үйдөн чыккан жоксуңбу, эшикти илип алып башка адамдарга ачпай жүр!

- Ооба, кино көрүп отура берем.

- Ошент кызым, чоочун бирөө эшикти тыкылдатса үнүңдү чыгарба.

- Ма-акул.

- Тамак жасап ичтиңерби?

- Ооба, - деди Дайыр.

- Анда уктагыла, Жамал келбедиби?

- Жок.

- Жоголсун ошондон ары, - деп койду, бирок эне эмеспи: "Мен эмне ага жаман айттымбы, адамча жашоого жетели деген эле сөзүм, эки бала дагы чоңойду, кокус колго түшүп калса чогултканымдын баары кетет. Кудай сактаса экен, Керим көрсө мени түрмөгө отургузуп жүрбөсүн, Жамалды табыш керек, балдарын үйгө коюп иште дейин, ал өзүнчө батир жалдаганча чогуу болгонубуз дурус болоор", - деп ойлонуп ордуна жата кетти. Бир аздан кийин балдары уктаганда сандыгын ачып анын түбүндөгү сандыкчаны алып балдары алып келген акчаны салып: "Буйруса жакшы там алганга аз калды, адамча жашашыбыз керек, балалыгымда дагы жакшылык көрбөдүм, күйөөм дагы колунда жок болду, эптеп тырышып жакшы жашоого жетип алсак балдарды тыйып коем", - деп ойлоп акчаны бекем катты да кайра жатып уйкуга кирди.

Сайыпжамал үч баласы менен кыйналды, Зарипжанга апасынын тили менен жамандык кыла коем деп жаңылганына өкүнүп жатты, эки баласы кичинекейин карап кечке үйдө, өзү ар кайсы жерде иштеп Зарипжан берген акчаны таптакыр унутуп койгон экен, апасынан коркуп шымына тигип алган эле, аны эстеп шашыла батирине келди, келсе кичүү баласы ооруп жаткан экен, катталбагандыктан кабыл албай жатып зорго көрдү врач. Эки өпкөсүнө катуу суук тийиптир, үч күндөн кийин төрт жарым жашар баласы чарчап калды. Ал апасын жек көрүп жатты: "Өзү эне болуп туруп мени түшүнгүсү келбейт, балдар жакшы карабай койду окшойт", - деп көзгө көрүнүп калган уулуна ичи ачышып эки-үч күн жатып калды. Аны издеген инилери ошол күнү таппай кетишти. Бир жумадан кийин он беш миң сомго бүт товар алды да тачка арендага алып базарга чыкты, эки баласы чоңоюп калгандыктан жанында, ошол күнү дагы түш ченде акчалуу адамды көзөмөлдөп кетип жаткан Зайыр аны көрүп калды, бирок жемин көргөн чымчыктай кайрылбай кетип калды, ошол күнү ал беш жүз доллар согуп алды.

Кечинде үйүнө келгенде апасы кечигип жатты, Дайыр болсо үч миң сом, жүз доллар таап келди, бирок ошол акчалар арамдан табылып, бирөөнүн көз жашы, каргышы экенин ойлошподу, кечки тамакты өздөрү жасап ичип, Сонунду тойгузуп анан жатып калды.

Ал түнү Алия жаңы таанышы менен бир үйдө жаткан.

- Укмуш экенсиз, - деди Алия жылмая.

- Деги рахат бере алдымбы? - деди Айталы аны сынай.

- Айтпаңыз, качантан бери мындай ырахатка батып көрбөптүрмүн.

- Ыраспы?

- Ырас айтам, жыйырма жаштагы күүлөнүп турган жигиттей эле кудуретиңиз бар экен.

- Кубантып койдуң, эми эрдемсип түнү бою уктатпай койбосомбу? - Айталы аялды кайрадан баса жыгылды, булайган аппак сандары, ипичке бели, торсойгон эмчеги чындап эле бедизчинин ажайып статуясындай эле, эркек суктана тиктеп жылаңач денени өпкүлөп жатты. Кумары канбай кайрадан күүлөнүп түнү бою "ойноп" чыгышты, улам суудан, кайра агынан жутуп коет. Ошентип ал түнү таң атканча укташкан жок, эртеси таң атпай Алияны үйүнө жеткирип келди, Алия ага кылгыра карап:

- Бул түндү унутпасмын, - деди.

- Мен дагы! Алия, капа болбой менин бергенимди алып кой, - деп акча сунду.

- Сен мени бир түнөп акысын алган сойку деп жаткан жоксуңбу?

- Жо-жок, өзүң каалаган нерсеңди алып алчы, эртең дагы жолугушабыз, - деди Айталы, - Антип жаман ойлобо, чын дилимден берип жатам.

- Андай болсо алууга болот, - деп күлө карап акчаны жакшы көргөн Алия акчаны алды да сумкасына салып койду, - Мындан ары мындай болбосун.

- Жарайт, сен мени жипсиз тушадың Алия, эртең жолукканда сунуш киргизем, азыр убакыт болуп калды көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - Алия шарт түшүп кетти. Айталы ага жылмая колун көтөрүп коюп бурулуп кете берди. Алия үйүнө келип эшикти зорго ачтырды, баары уктап жаткан эле.

- Уктап жаткан экенсиңер, Сонунду жалгыз кечинде калтырган жоксуңарбы?

- Жо-ок, эрте эле келгенбиз.

- Жакшы, Жамалдан кабар барбы?

- Зайыр көрүптүр.

- Кайдан?

- Дордойдун четинен көрдүм деген.

- Бүгүн өзүм карайынчы, - деп отургучка бир аз отурду да, - Кана, акча таптыңарбы? - деди.

- Ооба да, Дайыр байкем үч миң сом, менчи апа, беш жүз доллар таптым, - деп Зайыр эдиреңдеди, он төрттөгү бала, керээли кечке ар кимдин артынан жүрүп капчыктууну да таанып калган. Дайыр он алтыга карады.

- Этият болгула, акчаны бер да, уктап алгыла.

- Макул - деп Зайыр кечинде бекиткен жеринен алып келип берип кайра ордуна жатып калды. Алия Айталы берген акчаны караса миң сомдуктан үчөө экен: "Болот", - деп койду ал: "Бир түнгө кыздарга дагы бербейт мындай акчаны, кандай сунушун айтаар экен", - деп ойлонуп алды.

Ушуга окшош күндөр улана берди, Алия Сайыпжамалды таап элден окчун чыгарып алып сүйлөшүп турду:

- Мен силерди чоңойттум, атаңдын колунда болбосо эмне кылам, адамча жашайлы дегемин, эки жакка батирге төлөбөй үйгө бар, балдар Сонун менен тура берсин, сен ишиңди иштей бер, - деди акырын.

- Барбайм, эне болуп туруп мени түшүнбөдүң, менин кичинекейим эми жок, ал учуп кетти, - деп Сайыпжамал ыйлап ийди, - Кутубийимди жоготуп алдым, - Буркурап ийди.

- Кечир мени кызым, жамандык каалаган эмесмин, жөн гана балдарды убактылуу тапшыра тур дебедимби? - Алия Сайыпжамалды бооруна кысып ыйлап ийди, - Мен билбедим кызым, силерди адамдай жашоого жетсе дедим…

- Арам жол мененби, Дайыр менен Зайырды болсо жолдон чыгарган өзүң болдуң, мени дагы картаң кишиге берип байлыгы калат деген сен, кантип апа дээримди дагы билбей калдым.

- Кой кызым, антпей үйгө бар, инилериң эстүү, эптеп там алып алсак баарын таштайт.

- Мен өзүмчө эле жашайм, өз бактымды өзүм тобокелге салдым, сен бизди багып чоңойттуң, азыр мен дагы энемин, эки баламды өстүрүүгө өз эмгегимди жумшаганга акым бар, күчүм жетсе, - Сайыпжамал басып кетти, Алия өңү бозоруп элдин ичинде эч нерсе дей албай кала берди. Эне… Эне өз баласынан мындай каршылыкты күтпөсө керек, бирок буга эмне себеп? Эне балага мээримин аябай, жаман жолго бастырбай, турмуштун оор-жеңилин көтөрө билип чыдамдуу болууга үйрөтө алса эне өз кадырын-баркын сактай алса керек. Алия жакшы жашоого жетүү үчүн балдарын курал, товар кылып алганын кеч сезди. Жүрөгү сыздап үйүнө баратканда кол телефону чырылдап калды. Карай салып Керим экенин көргөндө көзү чакчая түштү: "Өлдүм", - деп ойлоп өчүрүп салып ылдамдай басып үйүнө жетти: "Үйдүн номерин бербегениме шүгүр", - деп алды үшкүрүнө диванына отура кетти, телефону кайра чырылдады, карагысы келбей өчүрө берди, бир кезде үйдүн ээси келип:

- Алия, мен үйдү сатканы жатам, бүгүндөн баштап бошотуп коюңуз, - деди.

- Алик, деги үйүңдү канчага сатканы жатасың?

- Мааниси жок эже, мен уже акчасын алып койдум.

- Мурдатан айтсаң мен өзүм алып коюшум мүмкүн эле…

- Шарт ошондой болуп калды.

- Биздин төлөгөн күнүбүз али бүтө элек да?

- Кайтарып берем.

- Алик, жок дегенде бир жума бер, ыңгайлуу батир таап алайын, - Алия жалдырай карады.

- Болуптур, бир жуманын ичинде бошотуп коюңуз, - деди да Алик чыгып кетти.

- Ушул эле жетпей жатты эле, - деп жини келип алды Алия, - Деги азаптан кутулаар күн бар бекен? - Жиндене отура калып, тура калып жатканда Сонун жанына келди:

- Апа, эми каякка барабыз.

- Билбейм, издеш керек, кызым.

- Жамал эжеме бардыңызбы, апа?

- Бардым, ал болбой койду, - Башын чеңгелдеп үшкүрүп ийди, - Анын Кутубийи чарчап калыптыр, аны жерлөөгө дагы айтпаптыр, эчтекеси жоктой гана көмдүрүп койгон тура, - Үй ичинде аркы-терки басып жатты, - Баарына мени гана күнөөлөп жатат.

- Апа, Жамал эжеме мени алпарсаңыз, мени жакшы көрөт го, аный дебейт, - деди таза сезим балалык ою менен Сонун.

- Кана, сенин тилиңди алса…

- Мени Жамал эжем жакшы көрөт да, балдарын мен багам ойнотом, Жанат менен Канатын жакшы көрөм.

- Макул, эртең сени алып барам, үй жөнүндө айтып кеңешишим керек эле, - деп карды ачканынан тамак жасаганга газга келди, ошол убакта телефон чырылдап калды.

- Ало ким экен? - деди Алия ала коюп, ар жактан Айталынын үнү угулду.

- Алия, бүгүн кечинде баягы жерге кел, эмнеге телефонуңду албай жатасың?

- Аа-а, үйдө болчу, мен эшикке чыгып кеттим эле.

- Болуптур, күтөм.

- Жарайт, көрүшкөнчө, - Трубканы коюп эс ала түштү да кол телефонун караса Керим үч жолу чалыптыр, андан кийин беш-алты жолкусун Айталы чалган экен. Дайыр кирди ошол кезде, энтигип алган, колунда пакет.

- Эмне болду?

- Мен бир адамды тонодум, машинада дипломаты менен туруптур, билип калабы деп корктум.

- Бул жакка киргениңди эч ким көргөн жокпу?

- Билбейм, бирок дипломатын пакетке салып алып келе жатканымды эч ким деле байкаган жок, чет элдиктер болсо керек?

- Кана көрөлүчү, - деп пакетти ачып дипломатты алды, - Эшикти илип келчи.

- Азыр, - Дайыр эшикти бекитип келди. Дипломатты ачып көздөрү чакчайып, жүрөгү жарылып кете жаздады.

- Мунун иги-жигин билгизбей бекитиш керек балам, сен үйдөн чыкпа, - деди да дипломатты чоң пакетке ороп салып, шашыла үйдөн чыкты. Кайда бараарын билбей сыртта ары-бери басып көпкө турду, бирөө жарым, же милиция көрүнсө качып кетүүгө даяр, бирок анча акчаны башка жакка алып да бара турган жери жок эле, өзү да эч кимге ишенбейт. Көпкө жүрдү да кайра үйгө кирди, Зайыр кирди, анын башы салаңдап кабагы бүркөө.

- Эчтеке жок, - деди ал.

- Мейли, болбосо да кардыңды тойгуз.

- Сизди урушат экен деп корктум, - Дулдуя жер карады.

- Мен силердин энеңермин го балам, эмнеге менден коркосуң? - Алия өзүн ушул саам жек көрүп кетти: "Мен эне болбой эле жерге кирсемчи, балдарымдын жүрөгүнүн үшүн алгамын го, бул не деген акмактык, жедеп жакшы нерсе көрбөй өзүмдү мээримсиз энеге айланткамын го, кой мен мындай болбоюн, балдарымды жакшы жолго салууга али убакыт бар, ушул балээден аман-эсен чыгып кетсек сөзсүз балдарымды көчөгө чыгарбайм", - деп өзүнө-өзү убада берди да уулун карады.

- Балам, урушат деп өз энеңден корко бербе да, силерди өзүм төрөп чоңойттум, жамандык кааламак белем? - деп келип башынан сылап чекесинен өптү, бул анын балдары эс тарткандан берки биринчи мээрим төгүшү болчу, эрээркей түшкөн Зайыр ыйлап ийди, көрсө эне-атанын жакшы сөзү, мээрими балага табылгыс нерсе тура.

- Апа, бүгүн эчтеке таппай калдым.

- Эчтеке эмес, эртең үй карайбыз да көчүп кетебиз, - деп бооруна кысты, - Өзүбүздүн үйүбүз болот.

- Апа, дипломатты ваннанын түбүнө катып коелучу, - деди Дайыр жанына келип акырын.

- Коркпо балам, сени эч ким көрбөсө билбейт дагы, - деген менен Алия дагы чоочуп, акчаны дипломаттан алып, аны дароо пакет менен эшикке алып чыгып чоң жолдон ары алып барып ыргытып жиберди да кайра келди. Акчаны жоолукка ороп туруп ашкана бөлмөдөгү жертөлөгө коюп үстүн жаап салды, аерде салат, варенье койчу оюк бар эле. Бирок эч ким келбеди, Алия эртеси сатыла турган үй издеп тез эле тапты, бирок акчаны санабаганын ойлоду, кырк миң долларга жакшы үй тапты да телефонун таштап кетти. Базарга келип Сайыпжамалды издеди, ал ордуна бирөөнү коюп койгон болчу. Бир аз күтүп калды, Сайыпжамал тамактанганы кеткен, апасын көрүп эле:

- Дагы эмнеге келдиң, мен айтпадым беле? - деп тултуя шыбырай, оозун кыбыратты.

- Жамал, биз үй алабыз, жакшы үй издеп келдим, бирөө бар экен, калганын кийин бергенге макул болду.

- Ала бергиле, мен көз каранды болбойм!

- Кызым, кыл өтпөс болуп карайдыңбы энеңе?

- Сенин айыңдан чырактай баламдан айрылдым, энедей болуп калкалап кое албадың, үй алсаңар алгыла, мен өзүмчө эле жашай берем, - деп кардарга карап кетти. Ошентип эне бала бири-бирине таарынычы күчөп Алия эмне кылаарын билбей үйдү бошотууга аракеттенип жатты. Келип акчаны санаса жетимиш миң доллар экен: "Үй алмак турсун ичин толтурууга да жетет", - деп алды да кийим-кечелерин баштыктарга салып, ороп бууп жатты, акча салынган пакетти эң алдына койду да таңып таштады. Эки баласы тең үйдөн чыкпай калды, анткени телевизордон дагы чет элдик адамдын тонолгонун айтып жаткан эле. Үч күндөн кийин Алия үйдүн ээси менен келишип сатып алды да документин даярдатып өзү көчүп кетти.

Билинбей үч-төрт жыл өтүп кетти, Дайыр жыйырмага чыгып зыңкыйган жигит болду, Зайыр андан бетер чоңойгон. Сайыпжамалдын эки уулу чоңоюп окуп калды, эне-бала табышып мамыр-жумур болуп эмне болсо да кеңешпей баштабайт, Канат ондо, Жанат сегизде, экөөнү мектепке берип окутуп койгон, Сайыпжамал базарда соода кылат, ал бир жигит менен сүйлөшүп жүргөн эле, ал бир күнү кафеге чакырды. Сайыпжамал ага:

- Айдин, менин эки балам бар, сен башканы издечи, - деди.

- Жамал, мен сени сүйөм, ошондуктан сенден башканын кереги жок, - деди Айдин аны сүйлөтпөй, - Мен деле үйлөнгөмүн, бир балам бар. Эчтеке эмес Жамал, биз үйлөнөбүз, сен макул болсоң эле болду.

- Жо-ок, менин эки балам чоңоюп калды, алар атасыз өстү, менин турмушка чыгуумду алар каалабайт чыгаар, эсине кирип калган балдардын көңүлүн оорутуп алгым келбейт.

- Бала деген бала да, көнүп кетет, биз ынтымактуу, бактылуу жашасак болду, - деп алдастай түштү Айдин, - Сен гана макул болсоң болду, Жамал.

- Айдин, жаңылып калбасак болду?

- Эмнеге, мен сени сүйөм, же сен мени сүйө албайсыңбы?

- Сүйөм, ооба мен дагы сени сүйөм, бирок тоскоолдуктар бар, экөөбүз туруштук бере алабызбы? - деп Сайыпжамал жигиттин сүйүүсүн сынамак болду, жакшылап билсе макул болуудан өтөөрү жок экенин билет.

- Кандай тоскоолдук, ким тоскоол болот эле, Жамал?

- Менин апам.

- Эмне үчүн?

- Өзүм дагы билбейм, апам катаалыраак.

- Мен эртең сени алып кетем, кандай болсо дагы даяр болосуң, - деди да Айдин туруп кетти. Ал Айбектин агасы Акылбектин баласы болчу, университетти бүтүрүп шаарда иштеп жүргөн, бир күн мурун айылга телефон чалып үйлөнөөрүн айткан.

Сайыпжамал эмне кылаарын билбей көпкө отурду да ордуна келип соодага киришти, күндүн ысыгы мээден өтүп, аба жок аптап болуп турган кез, жайдын да убактысы өтүп күздүн босогодон кылтайып турган убак, чөптөр куурап, дарактардын бариктери саргайып бараткан, кечке маал эрте товарын жыйды да салонго кирди, анан өзүнө кийим-кече алганга дүкөнгө бармак болду, бирок ал оюнан кайтып: "Эртең деле күн бар го, эрте чыгып даярданам, апама айтпай эле коеюн, кийин билээр", - деп ойлонуп үйүнө келсе Алия жок экен, Сонун менен эки баласы кино көрүп үйдө отурушуптур.

- Сабак даярдабай эле телевизор карайсыңар, сабакты мен окуймунбу? - деди ал үчөөнө карап, - Кана, бүгүн кимиң эки алдыңар ыя?

- Мен беш алдым, - деди Жанат эдиреңдей.

- А мен үч, - деп Канат тилин чыгара башын жерге салып кылтыя карады.

- Мен дагы беш алдым, - деп Сонун эжесине карады.

- Сонун менен Жанат, силер азаматсыңар, Канатты эмне кылалы? - деп Сайыпжамал уулдарын карады.

- Эже, эскертүү берели, эгерде эмкиде үч алса жазалайбыз, - деп Сонун чокчоңдоду.

- Ооба, эскертүү берели, - Жанат дагы кошулду.

- Болуптур, телевизорду өчүрүп сабак окубасаңар ачка калтырып салам, уктуңарбы? - деп ашкана бөлмөгө кирди. Газга тамак жасап кирди.

Дайыр курулушта иштеп, Зайыр базарда жүк ташып иштеп баягы иштерин таштаган. Сонун алтынчы класста окуйт, Жанат менен Канаттан улуулук кылып аларга чыкчыңдап чоңдугун көрсөтүп калат кээде. Алия жакын арада Айталы менен жарандык никеге турганга макул болуп экөө гана өздөрүнчө сөз бүтүрүшкөн. Айталы Алияга өзүнчө бир бөлмө үй алып берди, күндө бирге болушат, балдары чоңоюп калгандыктан ачык айтууга оозу барбайт.

Керим Акылбектин аялы Созулдун бир тууган иниси эле, Сайыпжамалды Айдин алып барган күнү эле анын ата-энеси жөнүндө сураштырып, ырымын жасап коюшмак болду. Ошентип Сайыпжамалдан апасынын телефон номерин сураганда ал жазып берди, Созул аны Керимге берди:

- Өзүң эле сүйлөшүп кой эми.

- Кам санаба эже, экөө тең бир турмушту көргөн экен, эми бактылуу болушсун, Айдин ойлоноор эми.

- Ооба, жылан чакпай, жылкы теппей эле ажырашып кетти, көрсө жылтыңдаган муну таба койсо керек, - деп Созул ары басканда Керим колундагы телефон номерди көрүп эси оой түштү: "Демек колума түштүң, качып кутулам дедиң эле, кудайым ушинтип эле жолуктуруп коет", - деп ойлонуп алды да телефондон анын номерин издеп таап чалып калды, бирок ал албады. Ошол бойдон тим койду, дагы эртеси башка номер менен чалды:

- Ало, - деди шашыла ала койгон Алия, түндө Сайыпжамал келбей калып сары санаа болуп жаткан өзүнүн телефону өчүрүлүү эле, - Угуп жатам.

- Саламатсызбы? - деди Керим үнүн бир аз өзгөртүп.

- Саламатчылык, а бул ким экен?

- Жамал сиздин кызыңызбы?

- Ооба-ооба, ага бирдеме болдубу, үйгө келбей калды эле?

- Жок-жок, кабатыр болбоңуз, кызыңыз бизге келин болду, кабатыр болбосун деп чалып жаттык эле.

- Ким, кандай неме экен ал, Жамалдын өзү менен сүйлөшсөм болобу?

- Жо-ок, мен сизди көздөй бараттым эле, дарегиңизди айтып койсоңуз кантет? - деди Керим сылык гана.

- Келе бериңиз, кызым өзү каалап барса арга барбы?

- Күтүңүз, барып калам, - деп Керим телефонун өчүрүп коюп отуруп калды: "Кыз-зык, мурда көрсөм бул аялды каматып жиберет элем, эми кантип бир нерсе дейм, айла жок, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген эмеспи", - деген ойго токтоду. Ал өзү жакында эле үйлөнгөн, аялы ошол жерде, кудалыкка камынышып туугандарын күтүп калышты.

Бир кездери катуу алданып, тапкан-ташыганын уурдаткан Керим эми минтип Алия менен кудалашмай болгонун көр: адам баласынын жашоосунда ушуга окшогон окуялардын болуп өтө бергени, ага адамдар көнүмүш гана нерседей караганы Керимди алакан жайдырып, бир эсе ошо кыялындагы ажайып ургаачыга жеталбай калганы туталантса, бир эсе аздектеген ошол асылкечи кызылдай ууру болуп чыкканы бу жашоонун ажайып бойокторунан экенине тан берип: "Кантсе да каниет кылуум керек", - деп өзүнчө ойго батты…

Аңгыча короо алдына Айбектин ауди-100 машинеси келип токтоп, Айбек менен Жайлоокан түшүп, багуусу жарашып тыңып калган атасы Тургунаалыны ээрчите Акылбек менен Созулду утурлай басышты. Эки бир тууган ошол эле күнү кудалыкка барчу кишилердин санын түгөлдөй башташты.. .

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз