Айгүл ШАРШЕН


"Сүйүү бар экен да!"


Акжаркын сырттан кыңылдай көңүлдүү кирип кийимин алмаштырды да диванга отуруп телевизор көрүп отуруп калды. Сыртта мээ кайнаткан ысык, үлп эткен жел жок. Акжаркын өзүн абдан бактылуу сезет, бир уул, бир кызы бар, улуусу он беш, кызы он жашта, күйөөсү Турдумамбет бухгалтер болуп бир мекемеде иштейт, үйлөнгөндөрүнө он сегиз жыл болсо да үй жумушу менен алектенип эч жерде иштеген эмес. Ал диванда кыңкайып жатып телевизор карап жатканда телефон чыр этти.

- Ало-о, угуп жатам деди, - деди Акжаркын трубканы ала коюп, ары жактан шаңкылдап курбусу Назымдын үнү угулду.

- Кандайсың ай, зерикпей эле отура бересиңби? - Каткырганы угулуп Акжаркын дагы күлүп калды.

- Зериккенде эмне кылам?

- Мага келбейсиңби?

- Турдумамбет келип калат, балдар дагы үйдө жок, эртең барайын макулбу?

- Макул, бирок азыр келсең жакшы болмок да.

- Бүгүн бара албайм, эртең баары үйдө жокто барам.

- Макул анда, - деп трубканы коюп койду Назым. Акжаркын туруп ашканасына кирип тамак жасап жатканда Айбийке менен Адис келди, аларды кубана окууларын сурап үстөл даярдап тамактанышты. Ошол убакта ички бөлмөдөгү телефону шыңгырап калды, Акжаркын туруп барып трубканы алып селдейе туруп калды, колунан трубка түшүп да кетти. Артынан кирип келген Адис:

- Апа, сизге эмне болду? - деди ага.

- Эчтеке, - Акжаркын үнсүз томсоруп отурду, эчтеке кулагына кирбей, көз жашына муунуп бирок балдарына билгизгиси келбей отурганда Айбийке келип кучактап калды.

- Апа атам чалдыбы?

- Жо-ок кызым.

- Анан ким?

- Бир тааныш.

- Эмне деди?

- Жөн эле, бар бөлмөңөргө баргыла, мен чарчап турам, эс алайын, - деп Акжаркын кызына көз жашын көрсөткүсү келбей спальныйга барып жата кетти. Адис менен Айбийке бири-бирин карап алды да чыгып кетишти: "Турдумамбет, сен ушундай кылмак белең, мен сага ишенип жүрбөдүм беле?" - деп буулугуп ыйлап жатты. Турдумамбет телефон чалып: "Акжаркын, мени кечир, сага бир чындыкты айтышым керек, анткени бир жыл мурун Жайдаркан деген жаш кызга жолугуп калгамын, мен аны сүйүп калам деп ойлогон эмесмин, азыр ал кош бойлуу" - деген эле. Акжаркын андан аркысын укпады, чамасы жетпеди, ал бүт өмүрүн жалгыз гана балдары менен күйөөсүнө арнап көңүлү ордунда, бактылуу сезчү өзүн. Турмушуң түшкүр десе, өзүнүн жакын эч кимиси жок эле, бараар жери да, сырдашаары да жок, ызасынын баарын көз жашынан чыгарып бир оокумга чейин ыйлап жатып калды. Эртеси көздөрү шишип, башы ооруп ойгонду да эки баласын сабакка жөнөтмөк болуп чыкса алар эбак эле туруп ашканада тамактанып отуруптур, алар апасынын эмнеге минткенин билбесе да кыжаалат суроолорду беришпеди.


- Адис, уулум сен эми чоңоюп калдың, мени укчу, - деди Айжаркын.

- Угам апа.

- Эмнеден баштаарымды да билбей турам, - Экөөнү алмак-салмак карап турду, - Силер түшүнүшүңөр керек, атаңар мындан ары бизге келбейт, - деди колдорун кармалап көзүн ала качып:

- Эмнеге апа? - Адис шаша сурады.

- Аны кечиргиле, ал силерди жанындай жакшы көрөт, бирок силер үчүн келет, эми анын башка үйбүлөсү бар, - деди токтоо, салмактуу.

- Апа эмнеге, атам биз менен жашабайбы? - Айбийке элейе карады.

- Атаңды кийин чоңойгондо түшүнүп аласыңар, мындан ары биз өзүбүзчө жашоону баштайбыз, мен эми жумуш издешим керек, кыйналабыз, сабагыңарга баргыла да тез келгиле.

- Макул апа, - деди Адис кабагы салыңкы апасын өөп чыга жөнөдү, Айбийке дагы өөп анан сабакка кетти. Ичтеги ызасы оңой менен тараар эмес, уул-кызын кетиргенден кийин Назымга чалды, көз чанактары жашка толо буулугуп турду:

- Ало, Назым үйдөсүңбү?

- Ооба, сен келесиңби?

- Сен өзүң келчи.

- Эмнеге, сенин үнүң эмне болгон, ыйлап жатасыңбы?

- Келип калчы, телефондон айталбайм…

- Макул, барып калам, - Назым трубканы коюп койду, Акжаркын түү-үт, түү-үт деген трубканы ойлуу кармаган бойдон катып калды. "Эмнеге менден кетти, мен аны сүйөт деп жүрчү элем го, жаман айтпай, чекеме чертпей кетип калганы кызык го, жадагалса балдарды ойлобогону эмнеси, айтпай басып кетем деп мурунтан эле даярданып жүргөн экен да, мен аны тажатып жиберген жокмунбу, же азгырыкка кирдиби, балдардан эле ошол жаш аял артык көрүндүбү?", - деп ойлонуп ашканасына кирди. Өзүн-өзү токтоо кармаганга аракеттенип жатты. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, эшиктин коңгуроосу кагылды. Жетип келип ача койсо Назым экен.

- Ой сага эмне болгон? - Назым көрүп эле суроо бере өбүшө учурашты.

- Кир, анан сүйлөшөбүз.

- Жарылып кетип жүрбөйүн, сенин ыйлагандай үнүңдү угуп жеткиче шаштым.

- Эч нерсе эмес, саал чыдай тур, - деп төркү бөлмөгө өтүштү, экөө бет маңдай отурушту.

- Кана сүйлөчү, эмнеге капасың?

- Турдумамбет бизди таштап кетти, - Акжаркын жер карады.

- Эмне - е?! - Назым оозун алаканы менен басып көздөрүн бакырайта отуруп калды.

- Ошондой, ал кетти, - Улутунган Акжаркын чыдай албай буркурап ийди, - Турдумамбет таштап кетти!

- Койчу, ыйлабай түшүндүрүп айтчы, кандайча таштап кетет, жакшынакай эле жашачу элеңер го, кылтың-мылтыңын байкачу белең?

- Ой Назым, эч кандай кылтыңы жок болчу, билген да жокмун, байкасам эмне, кечээ кечинде телефондон айтса жаман болдум.

- Капаланба, кандай кетсе ошондой келет, айтты-айтпады дебе, ал аял сендей сыйлап барктай албайт, эч кабатыр болбо, - Назым курбусун кучактап көз жашын аарчыды, балдарыңа айтыңбы?

- Ооба айттым, жашырганда эмне, өз учурунда угуп алганы жакшы эмеспи.

- Туура кылгансың.

- Бирок ичим бышып ызадан күйүп кетип жатпайынбы.

- Сен антпе, өзүңдү колго алып алаксы.

- Кантип, эми өңгөдөн дагы иштешим керек, эки баланы кийинтип, тамак ашына өзүм жоопкерчилик кылам да, - Акжаркын ыйлап-сыктап кирди. Өзүң ойлосоң, өмүр бою иштеп көргөн эмесмин, кандай ишке иштейм, кантип иш табам?

- Коркпочу алтыным, ушунча дагы санаачыл болосуңбу, кетсе бир Турдумамбет кеткендир, балдарың маңдайыңда, үйүң үстүңдө, жумуш табылат, - Назым Айжаркынды көпкө чейин сооротуп отуруп анан сыртка ээрчитип чыкты. Экөө салкын кафе - барга кирип пиводон ичип шашылык жешти, анан паркка бир топко басып жүрүштү, Назым курбусуна боору ооруп ичинен өз күйөөсүн кызганып кетти: "Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен деген чын го, Бектур дагы кетип калса кантем, кызык Турдумамбетти ушинтет деп ким ойлоптур, карыш басса текшерип турушум керек экен, мунун эки эле баласы бар, мени төрт бала менен таштап кетсе кантем", - деп тунжурай түштү.

- Назым, үйгө барайын, балдар келсе таппай калбасын.

- Макул кеттик анда, - Экөө катар басып аялдамага келишти да маршруткага олтурушту.

- Сенин барыңдагы кандай жакшы, сырдашаар эжем же сиңдимдин жогу мени өкүндүрөт, дүйнөдө жалгыз калгандай сезип асманым аңтарылып үстүмдөн басып калгандай эле болдум, - Акжаркын улутунуп алды.

- Сен эстүүсүң али жашсың, эми эле жылдызың жанып чыга келесиң, - Назым жылмая карады, - Кызга бергис жубан бар дегенди билесиңби?

- Койсоңчу, азыр эч нерсе ойго келбей турат, таштанды аял болуп уят болбоштун жолун табышым керек, балдарыма татыктуу тарбия беришим керек, окутуп-чокутушум керек Назы.

- Туура, сен кайраттуусуң, Турдумамбет өзү жолунан адашты, аны өкүндүрүп, ичин күйгүзүп жашооң керек курбум, - деди эле Акжаркын сумсая карады:

- Ошол жолду басып өтүү керек го?

- Сен күчтүүсүң, баарын жеңесиң, мен сага ишенем, андан көрө кайгырбай өзүңдү колго алгын, ыйлай бербе, күйөөсү кеткен жалгыз сен бекенсиң, эмесе үйгө жеткенде чалам, жакшы кал, - деди да Назым жөнөп кетти, Акжаркын үйүнө келип көпкө олтурду, оюу бир жерге топтолбой кыжаалат болуп: "Эртең жумуш издешим керек, иштеп калсам алаксып да калам", - деп жеңилдей түштү, бирок күйөөсүн ойлогондо ичи ачышып көзүнөн жаш эрксиз куюлуп өзүн кармай албай жатты. Адис сабактан келип апасынын кабагын карады да:

- Апа, каникулга чыкканда мен дагы иштейм, - деди.

- Кайда иштейсиң уулум, сен али жашсың да.

- Менден жаш балдар иштеп жүрбөйбү, Айбийке экөөбүзгө кийим-кече алганга иштейм.

- Кой балам, антип мени капалантпа.

- Сиз жалгыз иштесеңиз оор болуп калбайбы?

- Оор болбойт, эртеңден баштап жумуш издейм, кийимиңди алмаштыр дагы кардыңды тойгуз, иштейм деп менин зээнимди кейитпе, - Акжаркын ашканасына чыгып кетти.

- Апа, базарга чыксаңыз болбойбу?

- Ал үчүн чоң акча керек да балам.

- Такыр акча жокпу?

- Азыраак бар, ал жетпейт да, Айбийкеге иштейм дегениңди угузба, ансыз дагы атасын жакшы көрчү эле, капаланып ыйлап жүрбөсүн.

- Жарайт, - Адис кайра ички бөлмөгө кирип кийимин алмаштырып чыгып келе жатканда Айбийке кирди, - Эмнеге кечиктиң?

- Өзүңчү, мени күтпөй баса берипсиң го? - Айбийке тултуңдай ичкери кирип кетти, Адис аны ээрчий сурады.

- Сабактан качан тарайсыңар?

- Эртең линейка болот, анан тарайбыз.

- Бааларың кандай?

- Беш

- Отличникпи?

- Жо-ок, эки сабактан төрт алып калдым.

- Мендей турбайсыңбы, - Адис күлүп койду, - Келээрки жылы сөзсүз отличник болом.

- Мен деле, - Айбийке заматта кабагын жадырата бөлмөгө кирип анан которунуп чыкты. Үчөө ашкананын үстөлүндө тамактанып отурушкан.

- Апа, атам чындап эле келбейби? - Айбийке Акжаркынды суроолуу карады.

- Сагынганда келип турат кызым.

- Эмне үчүн бизди таштап кетти?

- Айбийке, апамды капалантпачы, ансыз деле көрбөй турасыңбы, апамдын акыбалын, - Адис карындашын тыя сүйлөдү.

- Макул, - деп кашыгын аркы-терки айландырып туруп калды, Акжаркындын жүрөгү чыдабай кетти, ордунан козголо идиш-аяк кармалаган болуп кылдыратып калды.

- Апа, капа болбоңузчу, - деп Адис апасын барып кучактап калды, - Мен чоңойбодумбу, сизди, Айбийке экөөңөрдү өзүм эле багып алам.

- Мен деле чоңойдум, апама жардам берем, - Айбийке дагы жетип кучактап калганда Акжаркын экөөнү бооруна кысып туруп өпкүлөп буркурап ийди:

- Көлөкөм, берекелерим менин, кубанычтарым садагам, силер бар мен ырыстуумун, силер болбосоңор көрөөр күнүм караңгы болбойт беле, аман-эсен болсоңор эле болду, - Сүйлөп да эсейген балдарын өпкүлөп да жатты. Көптө барып эне-балдардын бугу чыгып отуруп калды, - Силер эми сабагыңарды жакшылап окугула, жакшы болгула садагаларым менин өбөк-жөлөгүм, таянаар тоом дагы силерсиңер уктуңарбы?

- Мен дагы жакшы окуйм апа.

- Каралдыларым десе, кана эми бир аз ойноп келгиле, - Акжаркын экөөнү күлүмсүрөй карады.

- Макул апа, - Айбийке жүгүрүп чыгып кетти.

- Мен эч жакка барбайм, жакында экзамен болот, даярданышым керек, - деди Адис туруп баратып, анан төркү бөлмөгө кирип кетти. Акжаркын ойлуу отуруп: "Демек мен чыйралышым керек, антпесем буларга жаман болот, балдарга дем болоюн", - деп идиштерин жуумак болуп жыйыштырып кирди. Кечке маал Назым чалды, көпкө сүйлөшүштү, анан ал бир жумуш тапканын айтты. Окууну бүтпөгөн Акжаркынга эмес дипломдууларга жумуш табылбай, алды Россияга кетип соода жасоо менен алек болуп, эл өз абалын согуп калган убакта ага кайдагы ырыстуу жумуш боло койсун. Эртеси эптеп өзүн колго алып чыкыя кийинип алды да күндүн бүркөөсүнө карабай жолго чыкты. Назым аны болжошкон жерде күтүп турган эле, экөө жаңыдан ачылып жаткан ишканалардын эки-үчөөнө барды, бирок кеңешип алгансып бирдей жооп беришти. Иш тажрыйбасы жогунан жумуш табуу оңойго турбады. Ага болбой ар кайсы менчик ишканаларды тинтип жолу болбогондо капалуу үйүн көздөй кетип жаткан. Жанынан өтүп бараткан машина ага жолдогу көлчүк сууну чачыратып зуу өтүп кетти, бирок ал кайра башын чыгарып: "Көзүңдү карабайсыңбы, жолдон алыс баспаган күнөө өзүңдө!" - сөгүп-сөздөп кетти.

- Жоголчу ары! - деп Акжаркын темгил ала болгон костюмун силкип алып жол жээгиндеги дүкөнгө кирди. Аерден тазараак кийим алмак болду эле акчасы жетпей аз-маз чоңураак келген плашты алып кийди да жолго чыкты, жаан шатырата жаап жаткан, аялдамадан жарнамаларды окуп туруп бир даректи алды да үйүнө келди. Адис менен Айбийке залда телевизор көрүп отурушкан экен.

- Жумуш таптыңбы, апа?

- Жок, табыла коер эмес.

- Күн ачылганда издеңизчи, суу болуп кетипсиз.

- Убакыт өтүп жатат балам, жакында үйдө эч нерсе калбай калат, ошондуктан үлгүрүшүм керек, - Кийимин чечип плашты илип ашканага кирди, газга чай коюп анан ваннага кирип костюмкасын жууп балконго жайып анан чай ичишти.

- Апа, Назым эже чалды.

- Аа-а эмне деди?

- Келсе чалсын деген.

- Макул, анан чалам, - деген Акжаркын телмирип ойлуу чайын теше тиктеп карап отурат, ойлору чачкын, эгерде жумуш табылбай калса эле күнү бүтчүдөй сезилип туруп алды, балдары уктаган соң көпкө ойго жатып өзүнө суу чачыратып кеткен айдоочуну жини келе каргап алды: "Акмак, акырындап айдабайт беле, касиети жок десе", деп кайрадан күйөөсүн эстеди, анын жапжаш келиндин койнунда жатканын эстеп бир эсе кызганып да ызаланып да алды: "Ит турмуштун азап-тозогун тартсам да жеңип чыгаармын, а сен өз күнүңдү көрө бер, балаңдын жакшылыгын көрбөй калаар бекенсиң, айтпаганы менен ичинен кекенип жүргөндөй, тагдырдын башка салганын көрөөрбүз", деп ойлонуп түйшөлүп уйкусу качып тирмийип шыпты тиктеп жата берди.

Эртеси эрте туруп даректи колуна алып алды да ылдам басып аялдамага келип маршруткага отурду. Шашкалактап кирип лифтке түштү да кнопканы баса бергенде артынан бирөө кирди, ал кечээги суу чачып кеткен машинанын айдоочусу экен, дароо эле тааный койду:

- Сиз, сиз бул жакта эмне кылып жүрөсүз?

- А сен өзүңчү, өзүңө эмне бар биякта?

- Иш менен таанышкым келет.

- А сен кимсиң, кайда жүрсөм өзүм билем, башкысы жолдо жүргөндү жакшыраак билип алчы!

- Жолдо жүргөндү өзүңүз билип алыңыз, кайдигерчилик кылып, адамдарды байкабай адыраңдаган сизсизби?

- Бар, ишиңди кылчы! - деп айдоочу терс карап кетти, аңгыча Акжаркын үчүнчү кабаттан түшүп калды, кыжаалат боло даректе көрсөтүлгөн кабинетти издеп тапты да тыкылдатып калды.

- Кириңиз, - деген аялдын үнү угулду.

- Саламатсызбы, - деп кирип келген Акжаркын үстөлдө отурган классташын көрүп кубанаарын же кайгыраарын билбей туруп калды.

- Оо-ой, сен Акжаркынсыңбы? - Ал дагы ордунан туруп бери басты.

- Гүлү кандайсың, сен ушул жерде иштейт турбайсыңбы? - Экөө кучакташып өбүшө учурашып калды.

- Кайдан жүрөсүң?

- Жүрөм, жумуш издеп жүрөмүн, - Акжаркын сумсая түштү.

- Кандай жумуш, биздеги жумуш уборщицаныкы да, - Гүлү аны таңгала карады.

- Айлыгы кандай, уборщица болсо да иштей берем.

- Койчу, Турдумамбет сени ошого жеткирдиби? - деген Гүлү ага табалагандай карап калды, көз алдына үйүндөгү Турдумамбетти келтирди.

- Ал жок Гүлү, кыскасы ал бизди таштап кетти, - Жаман ою жок эле Акжаркын бир кездеги курбусуна эрээркеп да, жумушка алаарына ишенип кубанганынан да божурап кирди.

- Бизди дейсиңби, ага эмне болду эле? - Билмексен боло сурады.

- Балдарым менен таштап башка аялга кетип калды.

- Койчу?

- Калп айтып эмне кылам?

- Артынан канча кыздар жүгүрүп жүрсө да сени алып кетти эле, демек сени дагы таштаган экен да, - Гүлү эки колун бооруна ала ойлуу басып барып ордуна отурду, - Канча болду?

- Он беш күндөй болду.

- Ой кызыксың, балким кайра келээр? - Сынай карады.

- Жок, анын бир сүйлөөрүн билем да, телефондон эле айтты, анысынын боюнда бар экен, жүргөнүнө бир жыл болуптур.

- Кыз-зы-ык, - деген Гүлү ручкасын ары-бери тегеретип саамга ойлуу отуруп анан, - Да-а, демек жашоо ушундай экен да, эмесе мен сени жумушка аламын, - деди Акжаркынга жылмая карап.

- Ыраспы, анда качантан баштайлы? - Акжаркын курбусуна кубанычтуу карады.

- Эртеңден баштап иштей бер.

- Рахмат Гүлү, жарнаманы көрүп сен экениңди деле билген эмесмин, бирок жумуш табаарымды жүрөгүм сезген.

- Ооба, жолугушпаганыбызга канча болду, канча балаң бар?

- Бир уул, бир кызым бар, өзүң турмушка чыктыңбы?

- Жок, бирөөнү сүйгөнмүн, ошол бойдон башкага көңүл жок, - Гүлү Акжаркынды табалаган өңдүү кытмыр жылмайды, - А сен болсо мен деген жигиттин жары болдуң, андан балалуу болупсуң, демек бактылуу экенсиң курбум, отуз бешке чыксам да үйбүлө куруп балалуу боло элекмин.

- Гүлү мындай жумушуң бар экен, али сулуусуң, жашсың курбум, сенден бактылуу жок чыгаар.

- Макул, эртең келе бер анда.

- Рахмат.

- Рахматты иштегенден кийин гана айтасың, - Гүлү кытмыр жылмайып койду.

- Макул, эртең тогуз да келем анда.

- Жарайт, баса маяна канча болот?

- Үч миң сом аласың.

- Болуптур анда, - деп Акжаркын кыңырыла артына бурулуп босогодон чыга берээрде бирөө менен сүзүшүп алды, - Аа-аке кечиресиз, сизби? - деп туруп калды, бул айдоочу болчу.

- Сен кайдан жүрөсүң, баскан изимден калбай.

- Менби же сенби?

- Байкап сүйлөңүз, - деген айдоочу Гүлүгө карады, - Бошсуңбу?

- Төрө, менин күйөөм бар экенин эсиңе ал, - Ошол кезде Акжаркын чыгып кетти.

- Койсоңчу, үйбүлөсү бар неме качан болсо кетип калат аның. Келчи эми сагынып кеттим.

- Жо-ок, ал менин алгачкы махабатым болчу, саргарып жүрүп жеткенимде сенин тоскоол болууга акың жок.

- Азыркы аял эмне, таанышыңбы?

- Ооба классташым, жумуш издеп жүрүптүр.

- Жумушуңду кабыл алдыбы анан?

- Колунан келээри ошол гана болсо кабыл албаска аргасы да жок, - деп Гүлү өчүгүшкөн кас душманындай кекенип алды, - Мен аны алдымда жөргөлөгөн күңдөй жумшайм…

- Ошончолук эле жек көрөсүңбү?

- Анда сенин тиешең жок, - Гүлү ары карап терезеде ойлуу телмирди, ал Турдумамбетке бир жыл мурун капысынан жолугуп калып экөө ошондон бери бирге болуп жаткан. Ал ойлуу ичин сыйпалап калды: "Ушул баланы төрөп алсам Турдумамбет кайда бармак эле, мен аны өзүм сүйгөндүгүм үчүн кетирбейм, Акжаркынга болсо тозок отун дал ушул дүйнөдө таанытам, менин бактымды уурдаган аял жакшылык көрбөш керек, он сегиз жыл мени жалгыздыкта калтырганы жетет", - деп ойлонуп турганда артынан Төрө келип кучактап моюнунан өөп киргенде ал селт эте аны түртүп жиберди.

- Гүлү, мен сени сүйөм дегениме ишенбедиң, өзүм сүйөм деп башка эркекти киргизип алдың, неге бойдок эмес, үй-бүлөлүүнү тандадың?

- Төрө, мен сени сүйбөйм, бирок сыйлайм, менин азыр боюмда бар, баламды таза төрөшүм керек, атасы азыр үйдө, эс алып жатат, - деп андан боюн ала качып босогого келди, - Бар ишиңе, менин ишим бар, - Төрөнү эшик ачып колун сыртка көздөй тилдеди.

- Гүлү, ушуну менен бүттүбү?

- Бүттү, мени мындан ары жайыма кой, тынч жашайын, мен эңсеген, мен өмүр бою күткөн адамым үчүн жашашым керек.

- Макул, кез-кезде жолугуп туралы.

- Жок, мен анын алдында таза болгум келет, балалуу болгону турам, акыл эстүү, таза кандуу бала көргүм келет, - деп Төрөнү аста босогодон чыгарып каалганы жаап жөлөнүп көпкө тура берди: "Мен туура иш кылдымбы? Акжаркын менден күмөн санабайт, ага Турдумамбет жаш кыз менен кеттим дебеди беле, эми аны эч жакка кетирбейм, түбөлүк бирге болом, өлгөнчө жанымдан чыгарбайм", - деп ойлонуп ордуна келип эс ала түшкөндөй "өх" - деп алды…

Акжакын күйөөсү кеткенден бери кабагы ачыла элек эле, бүгүн көңүлү көтөрүлө үйүнө кирди. Адис менен Айбийке үйүндө эле, Адис:

- Апа, келдиңизби? - деп тура калды.

- Ооба балам, мен жумуш таптым.

- Жакшы болгон тура.

- Жакшы болду уулум, эртең эрте кетем, сабактан келгенде ачка жүрбөгүлө, мен кечинде келем, макулбу? - Ашканасына өттү, карды ачканын сезип муздаткычын караса эчтеке жок экен, акчасын дагы бир ай эптеп бөлүштүрсө жетпечүдөй: "Гүлү теңтушум эмеспи, кыйналсам сурай коем", - деп Адисти дүкөнгө жөнөттү. Балдарынын кардын тойгузуп, анан өзү жуунуп, сергип алды да ордуна жатып эртеңки жумушун ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси эрте туруп, жумушка кийчү халатын салып алып үйдөн шашыла чыкты, маршруткага отуруп жетчү жерине эрте келди, бирин-серин адамдар жүрөт, Гүлүнүн кабинети али ачыла элек экен. Бир аз күткөндөн кийин ал келип калды.

- Аа-а, келдиңби? - деди Гүлү ага саал теңсинбегендей, - Азыр сага жумушуңду көрсөтүп беришет.

- Жакшы болот, - Акжаркын аны ишенимдүү карап жылмайып койду.

- Аля, бул эжекеңдин аткарчу жумуштарын көрсөтүп кой, - деди Гүлү кабинетке баш багып.

- Жарайт, - Илбериңки ак жуумал кыз тура калып Акжаркынды ээрчите эки кабатты кыдырып, коридорлорун, ар бир кабаттын ажатканаларын көрсөтүп чыкты, - Эже, бул жерге чет элдиктер көп келет, туалетный бумагаларын тез-тез төгүп коюп туруңуз, таза болушу керек, кыскасы "Жалоб" болбошу керек, - деди Аля Акжаркынга карай.

- Айтканыңдай болот, өзүм деле тазалыкты жакшы көрөм.

- Эң жакшы, эмесе бул жерде сизге керектүүнүн баары бар.

- Көрдүм.

- Ишти баштай берсеңиз болот. Эже коридорлордо эч кандай чаң болбосун, мебелдерди эки күндө бир сүрүп турасыз, - деп коюп Аля өз ордуна кетти. Акжаркын жумушту так аткарууга аракеттенип ишке киришти. Кечке улам бирин бүтсө кайра бирин таап, ажаткана менен коридордо жүгүрүп жүрүп суй жыгылды. Бир эсе тагдырына таарынып дароо эле иштен баш тартып басып кеткиси келди, бирок өзүн-өзү кармап: "Көнүп кетем, оңой оокат кайдан табылмак эле", - деп ойлонуп кечинде үйүнө шалкы бош келди.

- Апа, чарчадыңызбы? - деди ал кирээри менен Адис.

- Ооба, чарчадым уулум, эч нерсе эмес, көнүп кетем, - деп диванга отура кетти.

- Апа, мен деле жардам берем, - деп Айбийке апасына муңая карады.

- Садагаларым десе, силер азыр жашсыңар, кабыргаңар ката элек, мен иштеп турайын, чоңойсоңор мени экөөңөр багасыңар ээ? - Күлүмсүрөөгө аракет кылды, бүткөн бою оорлошуп кыймылдоого алы келбей калыптыр. Туруп тамак жасайын деп козголмок болду эле таманы жерге тийбей калыптыр. Эптеп ашканага кирип балдарына тамак жасады, үчөө үндөбөй отуруп тамактанышты да ордуларына жатып калды. Эртеси кайрадан жумушка келип көнгөн жумуштарын жасап жүрдү. Бир кезде аны Гүлү чакыртып калды.

- Эмнеге чакырдың, Гүлү? - Акжаркын кирип келип туруп калды.

- Алгачкы эле күнүңдө ишти жакшы кылбапсың, клиенттер "Жалоб" кылып жатышат, жумуштан дагы эрте кетип калыпсың, башка болсо сразу жумуштан айдамакмын, сени классташым деп аяп жатам, мындан кийин саат онго чейин турасың, ишиңди жакшылап аткар.

- Макул-макул.

- Бара бер, - деп Гүлү кагаздарына үңүлдү.

Акжаркын ызалуу чыкты кабинеттен: "Эмнеге мындай, таманым тешилгенче эки кабатты эки жолу жууп, баарын тазаладым эле го, ажатканасына канча жолу кагаз ташыдым, бул жерге иштей албайт окшойм, кете берсемби? Турдумамбет, мени ушундай оор абалга таштап коюп кантип гана жүрөсүң, жок дегенде балдарыңа бир кайрылып келип койсоң боло", - деп жан-дүйнөсү сыздай чакадагы сууга тряпканы салып ишине киришти, бул күн ал үчүн кечээкиден да оор болду. Суй жыгылып, кирпиктен тартса жыгылчудай абалга келсе дагы сааттын он болушун күтүп кыбырап жүрдү. Кечинде келсе баласы тамагын жасап ичип апасын күтүп отурушкан экен, отураары менен эле телефон чырылдап калды, Айбийке тура калып трубканы ала коюп:

- Ало, ким бул? - деди шашыла, ары жактан Назымдын үнү угулду:

- Айбийке сенсиңби, апаң үйдөбү?

- Ооба.

- Айтып койчу анда.

- Апа, Назым эже чакырып жатат, - деди кабак бүркөй, - Мен атам экен деп сүйүнүп кетсемчи, - деп сабыры суз трубканы апасына берди, - Эмнеге атам чалбай калды…

- Бар тигил бөлмөгө, - Акжаркын кызынын суроосун жоопсуз калтырып, - Ало Назым, кандайсың?

- Өзүң кандайсың, иштериң жакшыбы?

- Жакшы.

- Капалуусуң го?

- Боло берет мындайлар, көңүл бурба.

- Эртең мага келип кетчи.

- Кол бошобойт, иш чачтан көп.

- Иштеп жатасыңбы?

- Ооба.

- Кандай жумуш экен, оорчулугу жокпу?

- Оорчулугу болбой иш болбойт да курбум, баарына даяр болуум керек да…

- Азыр өзүм барам, сен уктап калбай күтүп тур, - деди да Назым трубканы коюп койду.

"Эмнеге келет эми, чарчадым деп койбой, ар кайсыны айтып башымды оорутат эми", - деп ойлонгон Акжаркын трубканы коюп диванга отуруп шалдырап уйкусу келгенинен алаксымакка телевизорун жандырды. Көп өтпөй Назым келип калды, жанында күйөөсү бар экен.

- Кандай каражан? - Назым Акжаркынды өөп учурашты.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Ой аяш, Турдумамбетти кайда кубалап жибердиң? - деп жылмая учурашып тамашалай кетти Бектур.

- Бири-бирибизден тажасак керек, мен тажаганымды сезбей жүрсөм ал сезип кетип калды…

- Акжаркын, сен өзүң кандай жаркылдаган аялсың, ушу сенин кадырыңды билбей кетип калган Турдумамбет акылсыз экен.

- Билбейм…

- Анчалык эле бошобочу, эркекке ишенгиче…

- Назым, эркектин баары бирдей эмес.

- Билбейм, кээде мен дагы коркуп кетем, Бектурду да кетирип аламбы деп, - Бектурду карап күлүп койду, ал уккан жок.

- Бектур андай эмес, Турдумамбет деле азгырыкка кирип кетти окшойт…

- Ма-акул эми, баарын унут, андан көрө ишиң кандай, иш жөнүндө айтчы, каерде кандай жумуш таптың?

- Сторожмун, гостиница экен, - Көңүлсүз жооп берди, - Отургула, чай-пай коеюн, шашпайсыңарбы?

- Жо-ок, сенин көңүлүңдү көтөрүп коеюлу деп келдик, - деген Назым пакеттен вино, сок менен гриль алып чыгып үстөл үстүнө жайды, - Кел курбум, ушундай күндө бири-бирибизди колдобогондо ким бизди колдомок эле.

- Туура, Назым молодец, адамдын кадырын билет. Өкүнүчтүү, аяш, Тукенин мунусу мага жаккан жок, - Бектур аялын коштой келип отурду.

- Рахмат силерге, эгерде силер болбосоңор эмне болот элем, балдар болсо атам келбейби, эмнеге кетти дешип сурай берип тажатып жатат, - Үчөө отуруп тамактанып Бектур винодон куюп көңүлдүү сүйлөшүп жатышты, - Эмне кылам, башка түшсө байтал жорго деген туура.

- Акжаркын, сага кандай жумуш керек? - Бектур ага көңүлүн бура карап калды.

- Мага карапайым жумуш керек, окуган эмесмин да, кыскасы балдарымды бага турган айлыгы бар болсо болот, - Акжаркын жылмайып койду.

- Бектур, силерде жумуш болсо киргизип кой да, - Назым күйөөсүн карады, - Өткөндө эле айттым эле го?

- Бизде азыр менеджерлик орун бар, бирок ага жок дегенде мурда иштеген тажрыйбасы барлар керек го. Бир жумуш бар, шефтин кабинетин личный бирөө жууп тазалап турушу керек.

- Ошол болмок, бирок мен кирип алдым да, айлыгы канча экен?

- Беш миң сом.

- Жакшы экен, жумуш оорбу?

- Кайдан, бир гана кабинетти жууп, күндө чаңын сүртүп туруш керек, саат төрткө чейин гана, эртең менен ондо барсаң болот.

- Ай, анда эртең менен силерге эле барайынчы, азыр иштеген ишим аябай оор экен, эки күндө кыйналып кеттим, - Акжаркын туалет жууганын айткысы келбей эки күндөн берки тозокко айланган күнүн көз алдына келтирип алды.

- Эртең кел анда.

- Сөзсүз барам.

- Акжаркын, көп эле өзүңдү кыйнай бербе, бул күндөрүң дагы өтөт, балдарың чоңоюп канга салам бербей каласың, ошондо баары көргөн түшүңдөй болуп калат, - Назым курбусун далыга таптай көзүн кысты, - А балким ак боз атчан мырзага дагы жолугаарсың,

- Кереги жок, кыз алган жарым кадырыма жетпеди, эмкиси кайдан билсин, балдарым аман-эсен болсо эле болду, - Акжаркын муңая колундагы стаканды карап сүйлөдү, - Ушул экөөнү томсортпой, элден кем кылбай чоңойтуп алсам кана?

- Капаланбагын курбум, мына биз турабыз, жардам беребиз, окуйм десе окутабыз, - Назым күйөөсүнө карады, - Туурабы Бектур, өзүбүзчө сүйлөшкөнбүз баарын.

- Кудай жалгасын силерди, силер болбосоңор жакшы сөздү ким айтып, көңүлүмдү ким көтөрөт эле? - Акжаркындын кабагы жарк этип ачыла түштү, адамзаттын жан-дүйнөсүнүн назиктигине мындан артык жакшы мамиле болмокпу, жалгызсырап, жумушу ирээнжитип турган келиндин жүрөгү кубанычка бөлөнүп заматта дүйнөдөгү эң бактылуу пенденин кейпин кийип турду, бир аз ичкен виного эки бети албыра жетине албай курбусуна кош-кош ыраазычылыгын билдирип жатты. Үчөө эки бөтөлкө вино ичкенден кийин Акжаркын бирдеме жасамак болуп ашканасына кирип эч нерсе таппады, төрт картошка эки пияздан башка эчтеке жок экен.

- Акжаркын, эми биз кетели, сен жакшылап эс алып эртең бизге кел, - деди Бектур.

- Оо-ой, бирдеме жасай коеюн, отурсаңар боло…

- Жо-жок, убара болбо, - деп Назым Бектурду карап ымдап койду эле ал төш чөнтөгүнөн беш жүз сом алып чыкты.

- Айлыгың тийгенче жетпейт дечи, жок дегенде жолуңа жумшап тур аяш, аз болсо да алып тур, - Акжаркынга сунду.

- Койсоңорчу, мунуңар болбойт, ушинтип жакшы сөзүңөрдү айтып көңүлүмдү жубатып турганыңарга шүгүр, албайм аяш, - Колун булгап ыңгайсыздана калды.

- Ал эмнең экен, биз эмне бөлөк-бөтөн белек, кыйналбай турсун дегенибиз да, сен акчаны албасаң таарынабыз, - деп Назым күйөөсүнүн колунан алып Акжаркындын халатынын чөнтөгүнө салды, - Биз сени жакшы көрөбүз, сыйлайбыз билсең, эң жакын курбумсуң, ал турсун мен сени уялашымдай көрөм.

- Жөн эле койсоңор болмок, мени уялтып койдуңар.

- Эч качан уялба, кана эмесе кымбаттуум, кеттикпи?

- Кеттик, Акжаркын дагы эс алсын. Жакшы тур аяш, эртең бизге келесиң да.

- Ооба, буйруса барам, жакшы баргыла.

- Көрүшкөнчө, - деп Назым күйөөсүн колтуктай босогодон чыгып баратты.

- Көрүшкөнчө, - Акжаркын аларды узата карап кала берди. Эшигин бекитип жатчу бөлмөсүнө кирип спальныйга олтуруп алып ойлонуп жатты: "Кандай жакшы адамдар, экөө бири-бирине төп келген жубайлар, пейилдери таптаза, ак көңүл, өзгөсүнөн да жумушу жакшы экен, саат ондорго барып төрттө чыксам жеңил экен да, айлыгы дагы беш миң сом экен, эртең Гүлүгө барып документимди аламын да Бектурга барам", - деп көңүлү көтөрүңкү чалкасынан жата кетти. Бирок аны Гүлү оңой менен кетиреби, эмне деген шылтоо менен кармап калат, аны ойлогон да билген дагы эмес.

Адаттагысындай эле эрте туруп ашыкпастан чай ичип, балдарына кечкиден калган грилди берип анан жай келсе Гүлү аны коридордон каршы алды:

- Эмнеге кеч жүрөсүң, атаңдын үйүндө эмес, бирөөнүн кол алдында иштеп жатканыңды түшүн!

- Гүлү, мен иштебейм, демек менин документтеримди беришиң керек, ошондуктан мен кеч келдим.

- Эмне-е, иштебейм дейсиңби? - Көздөрүн акшыйта карап туруп калды.

- Ооба кетем, оор экен…

- Сен анда төшөккө оронуп жатып эле соска менен чай иче турган экенсиң, сага акча оңой эле табыла коймок беле, андан көрө шыпыргыңды ал да ишке кириш! - деди Гүлү жини келгенинен аны жаман көзү менен карап.

- Жок Гүлү, мен кетишим керек, балдарым кыйналып кетет экен, иштебей эле кой деп жатат, - Акжаркын эптеп шылтоо таба жер карады. Өзүн чындап эле күнөөлүүдөй сезип кетти.

- Бок жегени келдиңби анан? Мусаапырдай болуп келип аласың, эми кетем дейсиң, андай болсо келбей эле койбойсуңбу? Тез арада жумушчу таба албайм, ордуңа бирөө келгенче иштейсиң! - деп ары карай басканда Акжаркын анын алдына өттү:

- Мен сени курбум экен деп сага жолукканыма кубанып калсам ажатканаңды күнүгө жүз жолу жуудуруп күңүңдөй жумшадың, таптаза иштесем чаласы калды деп полду жүз жолу жуудурдуң, ушул сенин адамгерчилигиңби?

- Андай эле кыйын болсоң иштебей эле койбойт белең, сени менен акыйнек айтышкандай бекерчи эмесмин, башты оорутпай ишиңди кыл!

- Ишиң өзүңө буйрусун, туалетти өзүң жууп ал, мен кеттим, ошол кагазды кармап отура бер! - деген Акжаркын лифтке кирип кетти. Кыжаалат боло мейманканадан чыгып саатын караса тогуз болуп калыптыр, али убакыт бар экенин билгенден кийин аялдамага келип автобус күтүп калды. Жанында паспорту бар: "Паспортум менен иштей берем", - деп кере дем алып алды да Бектурдун ишканасына жөнөдү. Ал келип эле биринчи кабаттан анын кабинетин сурады да ага жолугуу үчүн телефон чалдырды. Бир аздан кийин Бектур келип аны шефинин кабинетине киргизди. Ошентип Акжаркын оңуп калды, айткандай эле жумуш абдан жеңил экен, күндө бир гана жолу жууп, үстөлдөрүн, шкафтар менен терезелерин таза сүртүп коет, саат төрттө же андан эрте кете берет. Бир күнү Акжаркын саат төрттө кете элегин көргөн Ысмайыл Акматович:

- Сиз али кете элексизби? - деди.

- Жо-ок, эми кетем го? - деди Акжаркын ыңгайсыздана, Ысмайыл Акматович бир топ улуу адам эле.

- Ой кокуй десе, өз жумушуңуз бүткөндөн кийин эле кете бериңиз, эң башкысы баары ордунда эмеспи.

- Рахмат сизге, мен эрте кетип калсам уят го?

- Эмнеси уят, жакшылап иштеп туруңуз, башка иш караштырып көрөбүз, дипломуңуз жокпу?

- Окуган эмесмин.

- Эч нерсе эмес, бара бериңиз, мындан ары ишиңиз бүткөндөн соң үйүңүзгө бара бериңиз, жарайбы?

- Макул.

- Баса, күйөөңүз барбы?

- Мм, ооба бар.

- Жакшы анда, - Ысмайыл Акматович басып кетти.

Акжаркын кудуңдай кийинип алып үйүнө жөнөдү: "Кандай жакшы адам, Бектурга рахмат, иш таап бергенине, баратып Назымга кайрыла өтөйүн", - деп ойлонуп алды. Келе жатып көңүлү куунак курбусунун дарбазасын какты, алар жер үйдө турушчу, үйлөрү заңгырап баары жетиштүү, абдан жакшы турушат.

- Оо кел, кайдан келе жатасың? - Назым курбусун көрө калып эле жаркылдай учурашып үйүнө алып кирди, - Кандай, иш жакшыбы?

- Эң сонун, Бектур экөөңөргө ыраазычылыгымды билдирип коеюн деп кайрылдым, аябай жакшы экен.

- Ошондой эле болсун, деги кабагың бүркөлбөсүнчү, сени ойлосом өзүмдөн-өзүм жаман болуп кетчү болдум, - Арыдан бери үстөл үстүн толтура коюп чай коюп жатып сүйлөп жатты.

- Мен үчүн кам жегениңерге ыраазымын курбум, ылайым адамгерчилигиңер бийик болуп, очогуңар бузулбай, бир өмүр бактылуу жашай бергиле кара жан, ата-энем тирилип келип маңдайымда тургандай эле болдум, - Ички сырын жашырбай чын пейилден ыраазы болуп турду Акжаркын.

- Койсоңчу, сага жардам бербегенде кимге бермек элек, колдон келсе мындан дагы көтөрмөлөсөк дейбиз, - Күлө карады, - Ысмайыл абдан жакшы адам, көп жылдардан бери бойдок экен, жактырган аял жок болуп жаткан го, болбосо андай кишиге кимдер гана аял болууга каршы болмок.

- Аялы эмне болуптур?

- Рак менен ооруп көп жыл оорунун азабын тарткан го, жети жылдан бери бойдок жүрөт дешет.

- Кол алдында сулуу-сулуу кыз-келиндер иштейт экен, кантип эле cоо жүрмөк дейсиң? Ай мейличи аны менен ишибиз канча, мага жумуш болсо болду, башкасын ойлонбой да калдым.

- Турдумамбеттен кабар барбы, телефон чалдыбы же жокпу дегендей?

- Жок, анын эми бизге кереги дагы жок.

- Туура кыласың, бирок ал ушул эле шаарда бекен?

- Ким билсин, кайда болсо анда болсун, балдарымды эптеп кор кылбай багып алсам болду, - Акжаркын улутуна колдорун ушалап отуруп калды. Назым экөө чай-тамак менен жарты бөтөлкөнү бөлө тартып көпкө сүйлөшүп отурушуп анан үйүнө кетти. Эртеси Акжаркын жумушка келип өз жумушун Ысмайыл Акматович келе электе баарын бүтүп койду, терезедеги гүлдөргө суу куюп, айнектерди кайрадан сүртүп, жууп, анан эми кабинетти кулпулап жатканда Ысмайыл Акматович келип калды.

- Саламатсызбы?

- Саламат, кандайсыз "эжеке"? - деп жылмая күлүп ордуна өттү, - Сизге оорчулук келген жокпу?

- Жо-ок, абдан жакшы, балким башка жумуш болсо да болмок, кечке бош калат экенмин, - деди Акжаркын акырын.

- Жетиштүү го дейм, мындан ары эртең менен келип жууп коюп кете бергендей болуңуз, калган убакытта өз ишиңизди бүтүп алаарсыз дейм.

- Болбой калат го, болоор-болбос жумуш аткарып коюп акы алганым кандай болоор экен?

- Ошондуктан мен өз бөлмөмө өзүмчө жумушчу алганым, эгерде кыйналып турсаңыз аванс бердирейин.

- Жок-жок, учурунда чогуу алганым дурус.

- Ма-акул анда, бара бериңиз.

- Рахмат сизге, - Акжаркын акырын баш ийкей чыгып кетти.

Жолдон үйүнө азык-түлүк алды, Адис менен Айбийке үйдө экен:

- Апа, иштен чыктыңбы? - Адис озуна сурады.

- Жо-ок, кайра баштагыдан дурус иш таптым, - Жылмая уул-кызын өөп жанына отургузду, - Кардыңар ачкандыр. Баса уулум, экзамениңе акча керек болоор, ачык айткын ээ?

- Макул апа, азыр керек эмес, эмкиде керек болот, балдар чогултуп жатышат.

- Канча керек?

- Эки жүз сомдон.

- Болуптур, эртең алып келип берем.

- Чынбы, апа? - Адис кубана апасын эки бетинен өөп-өөп алды.

- Садагам десе, менден жашырбай жүр, балдардан калып калмак белең, окууңду жакшы окуйсуң, ойлонуп артка кетип жүрбө.

- Жок, апа, сиздин эмгегиңизди актайм деген оюм бар.

- Каралдым десе, - Ошол убакта телефон чырылдап калды, дагы Айбийке жетип барып ала койду:

- Ало, ало, бул ким? - Чебелектеген кыз ар жактан атасынын үнүн угуп чаңылдап ийди, - Ата-а, эмнеге сен бизди таштап кеттиң, мен сени аябай сагындым, ата! - Айбийке ыйлап кирди, Акжаркын менен Адис босогодон карап туруп калды, - Ата-а, келесиңби үйгө, качан келесиң? Апам бизди багам деп иштеп жатат, кө-өп болду го, келбей койдуң?

- Кызым болду, трубканы кой, - деп Акжаркын кызынын жанына келип трубканы колунан алып коюп койду да сооротуп кирди, - Ал өзү силерди сагынганда келет, эми анын үйбүлөсү бар.

- Экинчи жолу дагы чалат экен мен аны урушам, эми бизди балам дебей эле койсун! - деп Адис өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Адис, ал эмнең уулум, баары бир ал силердин атаңар, антип жаман айтчу болбо.

- Эмнеге кетип калат анан?

- Ошондой болуп калгандыр, аны кийин чоңойгондо түшүнүп аласыңар балам, атага нааразы болгон жарабайт, андан көрө сабагыңды жакшылап окуп, карындашыңды кара, мен мындан ары көбүнчө үйдө болом, айлык акым жакшы, ишим жеңил, - деп Акжаркын кызын кучактап ашканага кирди да тамак жасоого киришти. Ичинен күйөөсүнө жини келгени менен өзүнчө бир сүйлөшүп ага болгон ич күптүсүн айткысы келип турду, балдарынын көңүлүн калтырып алганын айткысы келди, бармактай кызынын телефонду ала коюп атасын күткөнүнө зээни кейиди. Убакыт билинбей өтүп арадан бир ай өткөндө маянасын алган Акжаркындын кубанычы койнуна батпай базарга барып тамак-аш менен бирге уулу менен кызына бир сыйра кийим алды да, үйгө келип эле Назымга телефон чалды. Аны Бектур экөөнү конокко чакырмак болгон эле, бирок үйүндө жок болуп чыкты: "Макул, бүгүн болбосо эртең чакырам", - деп ойлонуп тамак жасап балдары менен бирге отуруп тамактанды да өз иштерин жасоого киришти. Кийинки күндөрү өзүнүн жалгыздыгын сезип күйөөсүн көп ойлоочу болду, жатып алып ал жаткан жерди сыйпалап көпкө жатып анан уктап кетет, күйөөсүнүн өзүнө жасаган мамилеси, эзилишип жаткан ырахаттуу түндөрү эсинен кетпей кээде тагдырына таарынып кетет.

Күндөгүдөй эле жумушуна эртерээк келип көнүмүш жумушун жасап бүтүп эми үстөл үстүндөгү кагаздарды жылдырып жаткан, аарчып тазалап бүтүп кайра ордуна коюп сыртты көздөй басканда өзүн карап турган Ысмайыл Акматовичти көрүп тайсалдай түштү:

- Саламатсызбы?

- Саламат-саламат Акжаркын, кыйналган жоксуңбу?

- Жок-жок, - Жол бошото чечине берди.

- Акжаркын, сен менден тартынба, керектүү нерсе болсо сура, мен сага ар жагынан көмөк көрсөтүүгө даярмын, балдар менен кыйналган жоксуңбу? - Көздөрүнө тигиле жылмайып карап жооп күтүп калды.

- Жок-жок, кыйналган жокмун агай, сизге рахмат.

- Эч нерсе эмес, сен мага ачык жана так жооп берчи, күйөөң чын эле барбы?

- Ык-к…

- Жашырба Акжаркын. Мен сени "Жаркын" деп атасам болобу?

- Өзүңүз билиңиз.

- Азамат, менимче сен абдан таза, тыкан келин экенсиң, сени бир сыйлап койсом болобу? - Сынай көзүн албай туруп анан өз ордуна өтүп отурду, - Балким сүйлөшөөрбүз, кеңешээрбиз…

- Агай, эмнени кеңешебиз?

- Үй-жайыңар барбы?

- Ооба.

- Демек баары жайында дечи.

- Ошондой го…

- Жаркын, азыр мага кишилер келет, сен бара бер, - деди анан Ысмайыл Акматович, - Үй телефон барбы?

- Бар.

- Анда ошого чалам, - деди да кагаздарын кармалаган болуп калды. Акжаркын үндөгөнгө чамасы келбей кабинеттен чыгып кетти, ар кайсыны ойлоно берип башы да ооруп чыкты: "Эмнеге ал мени сыйлагысы келет, жактырып калган эмеспи, кантип эле, ал менден канча жаш улуу, болбойт го, өзү жакшынакай киши", - деп дагы ойлонуп ийди. Ан сайын өзүнүн эркек жытын сагынган денеси калтырап көңүлү бир башкача болуп кетти. Жаш, өңдүү-түстүү келин, кантип анан зериккени тарасын, баары бир өзү жашырып зымпыя билгизгиси келбегени менен жаш дене самап жатпайбы? Кечинде Назым менен Бектур келип үстөлдө тамактанып отурушканда телефон чырылдап калды. Көнгөн адатынча Айбийке жетип келди.

- Ало ата! - дегенде беркилер бири-бирин карап калышты, - Сиз кимсиз? - дегенден кийин трубканы колуна кармай, - Апа, сизди чыкырып жатат, - деди. Акжаркын аста туруп келди да:

- Ало, угуп жатам, - деди салмактуу. Ар жактан Ысмайыл Акматовичтин үнү угулду:

- Жаркын, мен сени филармониянын жанында күтөм.

- Агай… - дегиче телефон түүтүлдөп кала берди.

- Ким экен? - Назым суроо узатты, Бектур үндөбөй карап туруп калды.

- Ысмайыл Акматович, - деди Акжаркын андан көзүн ала качып.

- Эмне дейт?

- Эртең эрте кел деди го.

- Эмнеге?

- Кайдан билем, бир жери чала болуп калган го, башка эмне болмок эле, - деди ачык айтпай.

- Сен чала иш жасачу эмес элең го?

- Балким менин ордума башка бирөөнү тапкандыр.

- Жок, Ысмайыл Акматович андай эмес, балким ал сени жактырып калгандыр? - деп күлүмсүрөй карады Бектур, Акжаркын кызара күлө карады:

- Кайдан, мендей пол жууган эмени эмне кылмак эле.

- Андай дебе Акжаркын, сен али жашсың, болгондо дагы сен мен дегендердин көңүлүндө болуп ажарың төгүлгөн жансың, - деп Бектур айтканда Назым аны коштоду:

- Туура, сен эмне кемпир болуп калдың беле, керек болсо сен жанагы упаларды кабат-кабат сыйпагандарга караганда аригинал сулуусуң, кадырыңа жетчү адам болсо кайтарбай сынап көрүшүң керек, бактыңды базардан сына дегендей.

- Койгула эми, сөздү башкага буралы, кана тамактан алгыла, - деп Акжаркын сөзүн бура сүйлөдү.

- Кой жаным, биз көпкө отуруп калдык, андан көрө кетели, - деп Бектур Назымга кайрылды.

- Ооба, балдарга тамак даярдашым керек, эмесе жакшы жаткыла, биз кеттик, - деди Назым, алар үстөлдөн турган кезде кечки саат алтыдан өтүп күн чызылдап турган эле.

- Бир аз отурсаңар боло, эмнеге эле шашып калдыңар?

- Шашпасак болбойт, кеч кирип кеткенче балдарга тамак даярдап тойгузушубуз керек, - Алар ээрчише үйдөн чыгышты, - Жакшы калгыла, Айбийке жакшы кыз болуп апаңа жардам бергин ээ? - деп бетинен өөп койду, - Жакшы калгыла анда жаркындарым.

- Жакшы баргыла, - Акжаркын алар кетээри менен кийине салды да Адиске кайрылды, - Уулум, иш чыгып калды, карындашың экөөңөр эшикти бекитип алып отуруп тургула.

- Макул апа, тез келесизби?

- Тез эле келем, - Шашыла чыгып филармонияга барчу унаага отуруп жөнөп калды. Ал филармониянын туурасына келип ар жак, бер жагын каранып калганда Ысмайыл Акматовичтин үнү арт жагынан угулду.

- Кош келипсиз Жаркын айым, аккуудай болуп кетипсиз, - Анын үнүнөн селт эте бурулган Акжаркын өзүн көздөй жылмайып келе жаткан Ысмайыл Акматовичти көрүп кысына жылмайган болду.

- Саламатсызбы агай?

- Салам Жаркын айым, жүрүңүз эмесе, - деп колун Океан ресторанын көздөй жаңсады, - Кириңиз.

- Рахмат, - Акжаркындын кадамы шилтенбей туруп калды, - Сиз мунун баарын эмнеге жасап жатканыңызды билсем болоор бекен?

- Жай сүйлөшүүбүз керек.

- Ресторанга кирүүнүн кажети жок го дейм, айтаар сөзүңүздү ушул эле жерден уксам түзүк болоор беле?

- Жок-жок, Жаркын айым, бир аз отуралы, балким сүйлөшүп көрөбүз, - деп колтуктан жеңил алды да ичкери алып кирди, - Отуруңуз! - Жылмая орундукка кол жаңсады. Экөө бет маңдай отуруп бири-бирин саамга тиктеше түшүп Акжаркын көзүн тартып алды. Официантка келип менюну бергенде Ысмайыл ага өзү билип заказдарды берип койду да колдорун ушалай отуруп калды.

- Мен сизге таңгалып турам, - Акжаркын ага салкын көз караш менен көз токтото карады, - Карапайым пол жуугуч аял менен сиздей адамдын мындай кадырлуу үстөлдө отурганы күлкү келээрлик эмеспи?

- Жаркын айым, сен карапайым аял болгонуң менен жашсың, сулуусуң. Адамга жүрөгүнө жактырган адамы карапайым кулбу же күң болобу орду бирдей, бөлүп турган байлык менен гана мансап деп ойлойм.

- Аныңыз туура, бирок баардык адам бердей эмес да, сизди же мени көрүп билгендер болсо кадырыңызга доо кетип, тели-теңтушуңуздун алдында пас болбос бекенсиз?

- Өз акылым менен жана жүрөгүмдүн каалоосун аткарганга көнгөм, - Ысмайыл Акматович алдыга келген тамакка колун жаңсай кашык вилканы жылдырды, - Алыңыз, Жаркын айым.

- Рахмат, - Акжаркын дале тартынып отурду, бир азга ортодо тынчтык өкүм сүрдү, экөө үндөбөстөн тамактанып бири-бирин уурдана карап коюп жатты.

- Жаркын, сөздү ток этээр жеринен баштоо керекпи деп ойлойм, менин аялым жети жыл мурун оорудан каза болуп калган, ошондон бери бойдокмун, ачыгын айтсам жашым алтымышка аз калды, байкашыма караганда сиз дагы жалгыз бой экенсиз.

- Жок-жок, менин күйөөм келет, - Акжаркын шашып кетти, - Ал тирүү эмеспи, жаңылыштык боло берет, акыры өз жолун табат, азгырыкка кирди…

- Макул эми, жок дегенде сүйлөшүп, сырдашып, бири-бирибиздин сырыбызды угуп көңүл көтөрүп коюунун жаманы болбостур, - Ысмайыл келинди тике карады, - Кел экөөбүз жашыруун келишим түзөлү.

- Кандай келишим?

- Биз эч кимге билгизбей нике кыйдырабыз, ортодо келишим болот, эгерде күйөөңүз келип калса акырын кете бересиз, жолуңузду тоспойм, ага чейин биз өз-өзүбүзчө жашай беребиз.

- Ал кандай дегениңиз, мен түшүнбөй калдым.

- Кабатыр болбоңуз, мен эртең келишимди түзүп колуңузга берем, сиз жакпаганын сызып коесуз, жакканына тийбейсиз, сүйлөштүкпү анда? Балким менин көз карашым сизге жакпаган болоор…

- Билбей дагы калдым, мени жайыма эле койсоңуз болот эле.

- Жок болбойт, анткени мен сизди жактырып калдым, балам бар, мага жаркылдаган жар болуп эле маңдайымда болсоңуз болот.

- Кызык…

- Эмнеси кызык? Жашоо улана берет, ар бир адам жашоо үчүн күрөшүүсү абзел, өлгөндүн артынан өлмөк жок экен, кеткендин артынан жашоо токтоп калбайт, сизге дагы, мага дагы жашоо керек, Жаркын, - деп эңкейе калып чай куюп сунду.

- Рахмат сизге, - Акжаркын тартына чыныны алды, - Мен сизден мындай сунушту күтпөгөн экенмин.

- Неге Жаркын, же мени таптакыр эле картаң сездиң беле?

- Жок-жок, андай эмес, салабаттуу чоң кызматкер болсоңуз, анан кол алдыңызда иштеген эле бир аялга көз салганыңыз кызык, кол алдыңызда кер маралдай керилген, биринен-бири өткөн кыз-келиндер иштеп жүрсө…

- Жаркы-ын, адам деген мүмкүнчүлүктөн эч качан качпаса керек, көңүл каалоосу бар, жүрөк каалоосу бар, каалоосуз эч бир адам иш кылбайт го деп ойлойм, же жалган айттымбы?

- Түшүнбөй да калдым, эмне дээримди да билбейм.

- Та-ак, анда мындай, сиз эртеңден баштап ишке келбейсиз, мен сизди өзүм карайм, качан бир чечимге келмейинче күтөмүн, - деди да, - Эмесе сизди жеткирип коеюн, - деди.

- Тим эле коюңуз, өзүм жетип алам.

- Ошондой дагы болчу беле, анда чыктык, - Тамакка бата кылып ээрчише сыртка чыгышканда күн эбак эле уясына батып, айланага күүгүм кирип калган экен. Ысмайыл Акматович Акжаркынды үйүнө жеткирип кайра артына кайтты. Акжаркын өзүнчө ойго батты: "Эмне экен, тийсе тийип албайынбы, кыйналып отурганча? Эми эле күз, кайра кыш келет, балдарымдын окуусуна да акча төгүүм керек, баарына үлгүрө аламбы, балким бул дагы тагдырымдыр", - деп Назымга кеңешип көрүүнү туура көрдү. Адис менен Айбийке эбак уктап калыптыр, эшиктин коңгуроосунан зорго ойгонуп эшик ачты.

- Келдиңизби, апа?

- Ооба, келдим балам, уктап калдыңар беле?

- Сиз кечигип калганыңыздан кийин жатып алганбыз.

- Макул, уктай бер анда, - Акжаркын өз бөлмөсүнө кирсе Айбийке анын спальныйына жатып алыптыр, кийимин чечип түнкү көйнөгүн кийинди да жанына жатып кызын чекесинен жыттап койду: "Садагам десе, арыктап кетти, атасын сагынды, ай-ай Турдумамбет, жок дегенде ушул балдарды аясаң болмок, экөөбүзгө эчтеке эмес экен, эки балага кыйын болду, уулуң болсо чоңойгонсуп билгизбейт, бирок ичинен ойлоп жүргөнүн сезем", - деп улутуна шыпты тиктеп бүгүнкү кечти көз алдына келтирди. Негизи Турдумамбет экөө он сегиз жыл бирге таттуу жашаганы менен бир жолу да аны ресторанга киргизген эмес, үйгө го тамак-ашты толтуруп койчу, эч нерседен кемиткен жок. Терең ойдун кучагында түнү бою уйкусу келбей таңды атырып ийди, жумушка барып өз милдетин аткарып коюп Ысмайыл Акматович келгенче кайра баса берди. Эми үйүнө кирсе телефону чырылдап жатыптыр:

- Ало, угуп жатам.

- Жаркын, эртеңден баштап үйүңдөн чыкпа, башка уборщица алып койдум, - деди да өчүрүп салды. Көп өтпөй эшик чырылдаганынан ача салса бирөөлөр коробкаларды көтөрүп турушуптур.

- Сиз Кемелбекова Акжаркынсызбы?

- Ооба, эмне болду?

- Ысмайыл Акматович буларды берип жиберди эле.

- Кызык, ал эмне экен?

- Киргизип коюшубуз керек, сыртта дагы бар, - деди оор коробканы көтөрүп турган бейтааныш адам.

- Макул, бул жакка киргизип коюңуз, - деди аргасыз Акжаркын, ал кескин түрдө каршылык кылып киргизбей коюуну же биротоло кабыл алууну билбей маң болуп туруп калды эле, беркилер улам артынан көтөрүп келип беш-алты коробканы киргизип коюп кетип калышты. Ордунан жылбай турганда Адис менен Айбийке келип калды:

- Бул эмне, апа?

- Атам жибериптирби?

- Билбейм, аны көрөбүз, - деп Акжаркын коробкаларды ачып көрө баштады, экөө тамак-аш менен эт, майда-барат экен, төртөө жалаң кийим-кече, бүт кымбат баалуу.

- Ой-иий апа, ким берди буларды?

- Апа, атам берип жиберген го ээ?

- Болду, кайдагыны айта бербей, атаң берсе бирдеме деп жазгандыр, азыр баарын көрөбүз, - деп коробкалардын ичин бүт көрүп чыгышты, ошол кезде телефон чыр этти, Акжаркын жүгүрүп бараткан кызын токтотуп трубканы өзү алды, - Ало, угуп жатам.

- Жаркын, посылка бардыбы? - Ысмайыл Акматовичтин үнү угулду.

- Ооба, бекер кылыпсыз, кереги жок эле убараланып, рахмат агай.

- Эч нерсе эмес, башкысы жакса болду, эң түбүн кара Жаркын, сен менин өмүрүмө жаз киргиздиң, - деди Ысмайыл Акматович пас, муңайым үн менен, - Мен сени жакшы көрөм, Жаркын.

- Сизге рахмат, менин жумушум бар эле…

- Бир аз сүйлөшөлүчү.

- Азыр убактым жок эле, кечириңиз агай.

- Агай-агай, койсоңчу ушул сөзүңдү, Жаркын, мындан ары Ысмайыл деп айтасың макулбу?

- Кантип, ошо кантип болсун, балдарым жанымда, жакшы эс алыңыз, - деп трубканы коюп койду.

- Апа, ал ким? - Айбийке апасына жармашты, - Атам бекен?

- Ал эмес, менин иштеген жеримден жибериптир.

- Эмнеге? - Адис кадыресе адамдай суроо берип карап калды.

- Мм, помоштор келиптир, уулум, - Ашканасын көздөй басты, - Этти муздаткычка салалы, тирүү киши сасый турган убакта жарабай калат, - деди эле Адис тамак-аш салынган коробканы көтөрүп кирди, муздаткычка салып коюп анан тамак жасап кирди. Ойлору будуң-чаң, күндө балдарын өнтөлөп, кийим-кечесин жууп, үйүн тазалап жүрө берди, арадан төрт-беш күн өткөндө Назымды күндүзү үйүнө чакырып алды.

- Тынччылыкпы? - деди ал келип эле учурашкандан кийин.

- Тынччылык эле, мен сени менен кеңешейин дедим эле.

- Айта бер, кандай жумуш боюнча?

- Жаман, иштетпей койду, баргандан өзүм дагы уялып калдым, кайдан дагы ошол жерге бардым десең.

- Эмне болду деги, маалкатпай айтчы.

- Ысмайыл мага үйлөнгүсү келет.

- Ой кандай сонун, андай кишиге жолугуунун өзү эле бакыт эмеспи алтыным, багым ачылды дей бер, - Назым кучактап өпкүлөп ийди, - Кана, өзүңдүн оюң кандай анан?

- Билбейм, сенден кеңеш сурайын деп ойлогомун.

- Курбум, эгерде менин кеңешим сага жакса бул кишини колдон чыгарба, абдан жакшы адам, сени кор кылбайт, мындай жашоодо балдарыңды дагы ойдогудай багып, окутуп-чокутуп аласың, кудай деп эле тийгениң жакшы.

- Койсоңчу, кокус Турдумамбет келип калса кантем?

- Келсе балакетиңди алсын, ошол сенин кадырыңды билсе кетет беле, сенден дагы жакшы көргөн аял менен бактылуу болуп кеткенин көрөбүз, азыркы заманда өзүңдүн жашооңду ойлошуң керек, - Назым Акжаркынды көндүрүүгө аракеттенди, анткени Бектурдан угуп өзү айтаар деп күтүп жаткан болчу, Ысмайыл Акматович менен Бектур экөө сүйлөшүп, ал Акжаркынды жактырып калганын айткан болчу.

- Назым, күйөөм кечээ эле кетсе, мен дароо эле күйөөгө тийе качсам эмне болот, ал тургай апасы да келе элек, бир туугандары укса ал эмес мен күнөөлүү болом, балдарым дагы кабыл албайт го? - Жер карап отуруп сүйлөгөнү менен көздөрүндө жаш кылгырып турган эле, - Кайненем мени жакшы көрөт, алар угуша элек, эгерде укса сөзсүз келет.

- Келсе айт, балаң өзү таштап кетип калды де.

- Ошондо да башка эркек менен жүргөнүмдү укса эмне дейт?

- Бул жашоодо баары болот курбум, болбосо сен адегенде балдарыңды алып алгын да аларга барып өзүң айтып кел.

- Кантип?

- Ушинтип эле, Турдумамбет кетип калды, башка аял менен жашап жатат, - деп эле айтпайсыңбы.

- Чын эле, алгач өзүм барайын, балдарды алып барсам алып калышат, мен ага чыдай албайм да, курбум, - Көз жашын сүртө курбусун карады.

- Ошент, антпесең жүрө бересиң, балким алар билет, ошону үчүн билмексен болуп келбей жатышкандыр.

- Чын элеби? - Акжаркын Назымды эми көрүп тургандай элейе карады, - Ырас айтасың, эки айдан бери бири дагы кабар алышпады, болбосо тез-тез эле келип турушчу.

- Анда ар балакеттин баары ошолордо, алар билишкени үчүн сенден айбыгып келе албай жатышат. Кызыксың курбум, өз баласы да, аларга балким алда качан эле айткандыр, ишти эбак бүтүргөндүр, андан кийин эң акыркы болуп сен уктуң.

- Демек мен кайненеме барып билип келейин, балдарды телефондон сурап тур, мен бир күндө келе албайм, - деди Акжаркын Назымга, - Мен бүгүн эле жөнөшүм керек.

- Туура кыласың, тезирээк бир чечимге кел, балдардан кам санаба, биздин үйгө барып бир күн туруп турат.

Эки келин кеңешип-таңашып, ошол эле күнү Акжаркын Көлдүн Бөкөнбаев айылындагы кайненесине жөнөдү. Кечке маал жалгыз келген келинин көргөн Айымбү:

- Балдар кана, өзүң эле келдиңби? - деди учурашпай эле.

- Ооба, өзүм келдим апа, кандай турасыздар? - Акжаркын аны менен сыпайы учурашты, - Күүлүү-демдүү жүрөсүзбү?

- Кудайга шүгүр, - Алымбү көзүн ала качып астыга басты, - Эмне болуп кетти, Туку экөөңдү кандай кудай урду?

- Сизди билбейт экен десе, алда качан кабардар экенсиз да?

- Келип кеткен, өлүгүңдү көрөйүн тигил эле Тагайдын кызы Гүлү азгырган тура, эми боюмда бар деп аны ээрчип алыптыр, - деп өзүнчө сүйлөнүп үйгө киришти, бирок кайненесинин сөзү анын кулагына угулган да жок: "Гүлү дейби, Гүлү менен жашап жатабы Турдумамбет, жаш кызга жолугуп калдым дебеди беле, демек ошол экен да, мага эле заарын чачып калды десе табалап жаткан экен да, мен маң баш андан жумуш сурап барганымды кара", - деп зыңгырай отуруп калды, Айымбү дагы эле сүйлөнүп жатты.

- Апа, мен анда кайра кете берейин, ошону сиздерге айтайын деп эле келгемин, уга элек го дегемин, - деди анан зорго башын көтөрүп.

- Апей ботом, ит куугансып кечинде кайда бармак элең, алар болсо бир жума мурун келип нике кыйдырып кетти, баары бир сен менин келинимсиң, балдар турат, кайда бармак эле? Ал сендей боло койбо-ойт балам, ат айланып казыгын табат дегендей кайра эле келет. Үйүң үстүңдө, балдарың колуңда турат, кабагым-кашым дебей жашай бер! - Келини дасторкон салып чай алып келди эле Айымбү ага, - Жаркынга тамак аскыла, конок болуп кетсин, - деди.

- Кереги жок апа, убараланбагыла, такси чыкса түндөп эле кетип калам, балдар үйдө жалгыз калды.

- Ботом, бирөөгө дайындап койбойт белең?

- Өзүм барып калам, - деген Акжаркын бир чыны чайды ичип бата кылды да ордунан турду, - Мейли апа, менден кеткен болсо кечириңиз, мен кетейин.

- Капырай ай-яа, ушинтип эле өз бүлөм өзүмө жат болуп калабы? Баштакыңдай эле жаркылдап келип өзүң жасап өзүң ичип, кызматыңды кылып жүрө бербейсиңби?

- Жок апа, сиздерге ыраазымын, тагдыр бизди бөлүп жатса арга канча, билбестиктен келип алганымды кечир апа, жакшы тургула, - деди да өзүн зорго кармаган Акжаркын үйдөн шашыла чыкты. Ал ушул тапта ээн талаа болсо өкүрүп-өксөп ыйлагысы келип, көкүрөк-көөдөнүн ыза бууп көз жашы жүзү ылдый сай-сайлап агып, акырегине тамчылап, жамгырда калган сымал нөшөрлөгөн жан дүйнөсүнүн толкунун баса албай кете берди. Жолго чыкканда өткөн машиналарга кол көтөргөнү менен шаарга кетчүсү жолукпады, акыры Балыкчыга чейин түштү да кете берди, аерден Бишкекке түшүп түн жарымында үйүнө келди. Балдары жок экен, кирип эле спальныйга көмкөрөсүнөн жыгылып өксүп жатты: "Оо жараткан, неден жаздым эле, Турдумамбет башкага кетсе, жашына азгырылса мейли эле го, куу түлкүгө окшогон немеге мени алмашканы эмнеси, мени көрсө Гүлү табалап гана калган тура, дагы жакшы тез эле кетип калганым, болбосо туалетти жуудуруп канчага шакабалап, сын көз менен карамак эле, мен эчтеке билбеген маң баш болуп жүргөнүмдү кара", - деп улам эстеген сайын туталанып Гүлүгө барып урушкусу, Турдумамбетти анын үйүнөн жетелеп чыгып кеткиси келип турду. Бирок аны намыс кое бербеди, ыйлай-ыйлай өзүнө-өзү кайрат берип: "Эч качан анын алдына барбайм, Гүлү сени мусаапыр кылып таштап,

бир күнү үйүнөн кууп чыкканда кеч болуп калат, башыңды ташка урсаң да ошондо таппай каласың", - деп өйдө болду, уйкусу келбей бөлмөдө аркы-терки басып жүрө берди. Таң атканда эттен кошуп куурдак жасады да күнү-түнү иштеген дүкөндөн бир бөтөлкө аракты алып келип эки куюм жутуп алып, Назымга телефон чалды. Назым эки баланы ээрчитип күн чыга жетип келди. Аны көргөн Назым чоочуп кетти.

- Сага эмне болду, арак ичип алдыңбы?

- Ооба, ичтим Назым, мени көз көрүнөө табалагандарга туруштук бере аламбы? - деди Акжаркын башын көтөрө.

- Ким, кимдер сени табалап жатыптыр? - Назым үстөл үстүндөгү жарымынан азыраак калган аракты көрүп чоочуп кетти.

- Ошо, мен ушундан көрө өлгө-өнү-үм жакшы-ы, - деди эле Назым аны колтуктан алып:

- Адис карма, спальныйга жаткыралы, - деди. Экөөлөп аны бөлмөгө алып кирип спальныйга жаткырышты, Айбийке үн дебей жанында жүрөт, Адистин кабагы салыңкы, Акжаркын болсо сүйлөөгө дарманы жок жатып калды. Кечке маал башы зыңгырып ооруп ойгонгон Акжаркын өйдө болоюн деп тура албай жатып калды. Ашканада шорпо жасап жаткан Назым баш багып аны көрдү да:

- Жаркын, ысык шорпо ичесиңби? - деди.

- Жо-ок, кускум келип жатат.

- Жуунуп эс аласыңбы?

- Көңүл жок.

- Антпе, туруп жуунсаң эс алып анан ысык тамак ич, - деп аны ой боюна койбой тургузуп ваннага киргизди, Акжаркын жуунуп бир аз сергип анан чыкты. Назым ага адегенде жүз грамм берди да артынан ысык шорпо берди, эптеп өзүнө келип алды да кайра жатып алды, ага үндөбөй көпкө отурду.

- Назым, мени кечирип койчу, - деди Акжаркын көзүн жума.

- Эмне күнөөң бар экен, мындай боло берет, андан көрө эс алдыңбы?

- Ооба, эс алып калдым, балдар кайда жүрөт?

- Өз бөлмөсүндө, эмнеге ичтиң жаным?

- Ошондой Назым, Туку болсо менин эле классташымды алып жакында барып келишиптир.

- Жаш кыз имиш дебедиң белең?

- Өзү ошентип айткан, көрсө мени алдаган тура.

- Бети жок десе, ошону көрбөй жүрөм, ит кылат элем ай.

- Эмне кыласың курбум, өзүнө-өзү кылды, ал акыры өкүнүп калаарын сезбей калды, - деген Акжаркын баарын айтып берди.

- Ыйлаган көзүңдөн айлансын, ойлонбой өзүңдү кармап тыңып ал, эртең экөөбүз салонго барабыз, сени кыздай кылып туруп анан базарга салайын, - деп Назым күлүп калды.

- Жок Назым, азыр өзүмдү таппай турам, айрыкча Турдумамбеттин Гүлүнү алып алганы күйгүзбөдүбү, анысын билбей мен андан иш сурап барганыма өлгүм келип жатат, - Дагы шолоктоп ыйлап кирди, - Неге андай деди, ачык айтса мен анын алдына барбайт элем го?

- Эчтеке эмес боло берет, андан көрө өзүңдү колго ал. Өлгөндө эмне, балдарың кантет, ата дегенди илгеркилер сырткы тон деп коюшчу экен, сендей болбойт, эч болбосо балдарың үчүн жашашың керек, уктуңбу курбум?

- Уктум, туура айтасың, бир топ сергип калдым, сен кетип калсаң эмне болот элем, ичип дагы көрөйүн дебедимби, мен куруюн курбум, ушунча жыл жашап кадырым эмес көңүлүмө карап койсо эмне, көрсө эркек деген ошол тура, балдарым аман болсо болду…

- Капаланба курбум, бул күнүң да өтөт, - Назым ага күлүмсүрөй карады, - Мен эми барайын, эртеден бери сенден көңүлүм тынчыбай отурдум, эми сен өзүңө келдиң, бирдеме ичкиң келсе тамак турат, балдар дагы карды ачкандыр, мен кеттим, - деп Назым эки бетинен өөп курбусун далыга таптап анан чыгып кетти. Акжаркын кечке жатты, кеч күүгүмдө Адис кирди:

- Апа, ойгоосузбу?

- Ооба, эмне болду уулум?

- Эмнеге арак ичтиңиз?

- Айка кана, уулум? - Акжаркын жооп ордуна кайра суроо узатты.

- Айка уктап жатат, - Адис тултуя апасынын аяк жагына отурду, - Эмнеге ичтиңиз апа, арак ичкениңиз туура эмес, менин жакшынакай апамдын мас болгонун көргүм келбейт, эгерде экинчи жолу ичсеңиз мен чоң энемдикине кетип калам.

- Адис, сен мени таштайсыңбы? - Акжаркын башын көтөрө сурады.

- Сиз ичсеңиз кетем да.

- Мен бир жолу ызамдан ичтим, анан сен апаңды таштап кетип каласыңбы?

- Бир ичесиз, эки жолу ичесиз, андан кийин көнүп кетесиз…

- Кабатыр болбо каралдым, эч качан оозума албайм, силерди көзүмдүн карегиндей карайм садага, андан көрө газга тамакты коюп ысыт, Айканы ойготуп кел, макулбу?

- Макул апа, - Адис жер карай туруп кетти, Акжаркын өзүнчө ойго батты: "Кызык ээ, неге иче койдум экен, ошолорго теңелип өзүмдү жоготмок белем, азыр менин күлгүндөй чагым, али кыркка чыга элекмин, бактымды сынап көрөйүн, Гүлүнүн кадырын сактап ошого эр болуп берсе аны дагы көрөөрмүн", - деп ойлоп ордунан турду. Ичип жүрбөгөнгө дене бою салмактанып зорго туруп ашканага кирди. Сервантында турган бөтөлкө негедир анын көзүнө дароо урунду: "Кыйналганча дагы бир стакан арак ичип алсам оңолуп калаармын", - деп ойлоп балдарынын дабышын тыңшап көрдү да, куя салып жутуп ийип ордуна коюп кайра отургучка отуруп калды.

- Апо-ов, - Айбийке келип кучактап калды, - Сиз мас болдуңузбу?

- Жо-ок кызым, чарчагандыкы го.

- Арак жыттандыңыз го? - Айбийке аны баш көтөрө карап оозун жыттады, - Мына көрдүңүзбү, арак сасып кетти! - деп мурдун басып ары боло берди.

- Эмне деп жатасың? - Адис карындашын үңүрөйө карады.

- Эчтеке-е.

- Апа, тамак ысып калды.

- Куюп кел балам, өзүңөр дагы ичкиле.

- Макул, - Адис кадыресе кишидей үстөл үстүнө керектүүлөрдү коюп тамак куюп келди.

- Садага болоюн десе, уулум мени бага турган болуп калган турбайбы? - Акжаркын уулун ичи элжирей карады.

- Чоңойсом сизди иштетпей эле багып алам.

- Тилегиңден кагылайын десе, кубатым менин, менин ырысым деп жүрөм да.

- Атамчы, атам антпейби? - Айбийке апасын карады, - Атам түндө түшүмө кирди, ал мага шоколад алып келип берип кучактап алып көтөрбөдүбү?

- Айка, аны экинчи айтпай жүр, мен аны жек көрөм.

- А мен сагындым, ал атам да, эмнеге силер аны жаман көрөсүңөр? - Айбийке тултуя ордунан туруп кетти, ыйлап алганын сезген Акжаркын:

- Айка, кайда барасың, кызым? - деди.

- Эмнеге ажырашышат деги, эгерде силер ажырашпасаңар Айка дагы капаланып ыйлабайт болчу, - Адис күңкүлдөп тамагын ичпей туруп кетти. Акжаркын Айбийкенин артынан чыкты.

- Айка!

- Ойноп атам, - деген үнүнөн үйдүн артына барса дубалга жөлөнүп алып ыйлап жаткан экен.

- Кызым, ыйлабачы берекем, - деп отура калып бооруна кысты, - Сен ыйласаң мен дагы ыйлайм.

- Атамды чакырыңызчы, апа.

- Эмне, мен сага көрүнбөймбү, кызым? Атам-атам дейсиң, эгер атам десең анда мен таптакыр кетип калам, мени жакшы көрбөйт экенсиңер да, атаңдын кайда экенин билбесем, өзү бизди таштап кетип калса кайдан табам ыя? - Жини келе эмеле ичкен жүз грамм арактын иси аны көбүрүп жабырып сүйлөтүп жатты.

- Апа, сиз таштабаңызчы, экинчи айтпайм, сиз кетпеңиз, - Айбийке апасын кучактап калды, Акжаркындын зээни кейип жүрөгү жүз жеринен тилинип турду.

- Садагам, көпөлөгүм менин, мен силерди эч качан таштабайм, сен ыйлабай жүргүн ээ?

- Ооба, ыйлабай жүрөм.

- Эркем менин, силер бар менин бактым бар, - Акжаркын кызын бооруна кысып көпкө чейин отуруп калды. Ойлонуп ой түбүнө жеткен ким бар, ал ойго чөмүлө кызын эркелетип жатканда:

- Апа, телефонго чакырып жатат, - деп калды Адис.

- Азыр.

Ордунан козголуп баратып: "Ысмайыл Акматович го, эмнеге чалды экен, кудай ай, мени жарга такады го", - деп ойлонуп үйгө кирди да жаны тынбай чырылдап жаткан телефондун жанына келип саамга туруп калды. Бир топто барып анан:

- Ало, угуп жатам, ким экен? - деди.

- Жаркын, кандай ал акыбал? - Ысмайыл Акматовичтин үнү угулду.

- Жакшы, өзүңүздүн иштериңиз…

- Баары жайында, Жаркын, азыр айдоочу барат, келип кал, - деди да трубканы коюп койду. "Кызык, шопуру келсе бара бергидей мен айбанмынбы, мени бир жеңил аял катары көрүп жаткан жокпу, же чындап эле жактырып калдыбы", - деп ойлонгуча эшиктин коңгуроосу кагылды, жетип ача койсо:

- Саламатсызбы, сизди Ысмайыл Акматович күтүп жатат, - деди тиги.

- Азыр, - Акжаркын жок дей албай ыргылжың боло өз бөлмөсүнө кирип кийинип, чачын тарады да жасанып-түзөнө сыртка чыкты, шопур аны бир карап алды да унаасын жылдырды. Көп өтпөй эле алар баягы тааныш ресторанга келишти. Ичкери кирсе төрдөгү орундукта отурган Ысмайыл Акматович тура калып утурлай басты:

- Оо Жаркын айым, кош келиңиз, - деп колунан өөп үстөлгө карай колтуктай басты, Акжаркын эч каршылык кыла албады, - Кандай, балдар тынчпы?

- Жакшы-жакшы.

- Ошондой эле болсун.

- Кана айым, бүгүн сиз каалагандай заказ берели.

- Жо-ок, өзүңүз биле бериңиз.

- Болбойт, менюдан тандай бер, - деп ага менюну жылдырды. Акжаркын ага карай жылмайып алды да:

- Мага беш бармак, - деди.

- Оо азамат, баракелде-е, мага дагы беш бармак, - деп официантканы жөнөттү, Ысмайыл Акматович өзү ичкилик иччү эмес, ошондуктанбы эч кандай ичкилик сунуштаган жок. Экөө тамактанып көпкө отурду, - Жаркын, мурда-кийин бир адамды жактырган белеңиз, күйөөңдөн башка, албетте.

- Жок, мен эч качан андайды башымдан өткөрбөгөм.

- Да-а, ишенем сизге, - Ысмайыл Акматович отургучка чирене көпкө келинди тиктеп отура берди.

- Сиз муну менен эмне дегиңиз келет?

- Ачыгын айтканда сиздин ички дүйнөңүздүн тазалыгын айткым келет, митайымдыкты билбеген жаш баладай мүнөзүңүздү көрүп сизге кезигип калганыма кубанып турам, - деди күлүмсүрөй Ысмайыл, - Эгерде колуңдан келсе мени агай дебей эле Ысмайыл деп айта берчи, Жаркын.

- Кантип, айталбайм го.

- Айта бер, менин сенден суранычым ушул.

- Аракет кылып көрөйүн.

- Кана Жаркын, эми кайда баралы, мүмкүн болсо бир жерге барып эс алып келбейлиби?

- Балдарым кантет, жалгыз калат го?

- Анда балдарды көлгө жөнөтөлү, алар дагы эс алып келишсин, кандай дейсиң? - Келинди теше тиктеп жооп күтүп калды.

- Алар макул болоор бекен?

- Неге болбойт, аларды өзүм дайындайм, он беш күндөй көңүл көтөрүп эс алышсын, анан тосуп алабыз.

- Айтып көрөйүн.

Ресторандан чыкканда күн кечтей баштаган эле. Ысмайыл Акматовичтин жанында отурган Акжаркынды Гүлү машинасынын катарынан көрүп калып кайра-кайра карап жатты, ал оюнда Акжаркынды күйөөсүнөн ажырагандан кийин бечаралык турмушта көргүсү келген, эми анын чоң фирманын президентинин жанында отурганын көрүп: "Уу-ух, менин колума түштүң эле, көргүлүктү көрсөтө албай калдым, сени шашпа, дагы көрөсүң", - деп зуулдата айдап баратып атайын башын чыгара:

- Азама-ат! - деп жүрүп кетти, Акжаркын аны баамдай албай деле калды.

- Бул ким? - Акматович Акжаркынга карады.

- Билбедим.

- Сени же мени тааныган, бирок көрө албаган неме болсо керек.

- Ким билет.

- Баесуң Жаркын, өтө байоо экенсиң, үйгө жеткирейин, эртең балдарды лагерге жөнөткөнгө документ даярдайын, анан чалам. Биз өзүбүз жеткирип келебиз, макулбу?

- Адегенде мен сүйлөшөйүн.

- Жарайт, - Ысмайыл Акматович унчукпай калды, Акжаркын үйүнө жеткенде түшүп:

- Рахмат, - деди жылмая.

- Эч нерсе эмес, эртең өзүм чалам, көрүшкөнчө, - деди да, Ысмайыл Акматович жүрүп кетти. Акжаркын ойлуу үйүнө кирип уул-кызынын телевизор көрүп отурганын көрүп: "Садага кетейиндер десе, баладай болуп эшикке чыгышпайт, кудайга шүгүр экөө тең тартиптүү, көлгө барганга макул болоор бекен", - деп ойлонуп:

- Балдарым, мен силерге жакшылык алып келдим, - деди бажырая.

- Кандай жакшылык, апа? - Адис суроолуу карады.

- Жакшы кабар дейм деп айтканымды кара, силерди мен Ысык-Көлгө эс алууга сүйлөшүп койдум.

- Чынбы? - Адистин көздөрүнөн кубанычтын учкундары чачырай түштү, - Качан барабыз?

- Эртең лагерге кетчү балдарга кошуп документ даярдайбыз, бир-эки күндө барасыңар.

- Ур-ре! - Адис да, Айбийке дагы апасын кучактап калды.

- Сиз жалгыз каласызбы? - Адис дароо кабагын бүркөй калып сурады.

- Силер эс алып келгенче мен иштеп турамын макулбу, эч ойлонбой көлгө барып келгиле.

- Макул, - Адис бир аз ойлоно калды да, - Билесизби, атам бизди көлгө алып барам дечү, бирок алып барган эмес.

- Колу бошобой калды да, уулум.

- Бошомок, бизден кантип кетээрин билбей эле айткан тура, - деп Адис ичке кирип кетти.

- Апа, атам жана чалбадыбы, жакында кийим-кече алып барам деди, - Айбийке апасына кубанычтуу кабарлады.

- Адис сүйлөштүбү?

- Жок, сүйлөшпөй койду.

- Дагы эмне деди?

- Силерди жакшы көрөм, сагындым деди, анан мен дагы сагындым деп ыйладым.

- Ыйлабай жүр дебедим беле, кызым.

- Атамдын үнүн угуп ыйлагым келип кетти.

- Садагам десе, - Акжаркын кызынын төбөсүнөн жыттап койду, - Сен чоңоюп адам болосуң, анан атаңды да түшүнөсүң, эс-акылдуу кыз болуп өсөсүң ээ, кызым?

- Ооба, сиздин жаныңыздан чыкпайм, - деди апасына эркелей Айбийке, эне-бала бири-бири менен эркелешип отургуча күн кечтеп, күүгүм кирип кетти, үчөө үстөлдү тегеректей отуруп тамактанышып адаттагысындай бактылуу болуп жадырап-жайнап улам бирин тамашалап күлүп Турдумамбеттин барындагыдай өттү ошол күн.

Эки-үч айдан бери бир дагы жолу мындай боло элек эле, ошентип адам баласынын бир күнү куурал, бир күнү жыргал дегендей, булар дагы өздөрүнчө өмүр өтөөгө бел байлаганы ушул эмеспи. Акжаркын Адисти өз бөлмөсүнө жаткандан кийин аны жүзүнөн өөп үстүн жаап коюп анан Айбийкени өз койнуна алып жатып калды. Ал ушул тагдырына аргасыз көнүп, кечээги ызасы тарап, алдыдагы бакыттын даңгыр жолуна, же оомал-төкмөл жашоонун сыдырым желине тушукса да Ысмайыл Акматовичтин айтканына көнүп, сунушуна макул болмок болду. Эртеси түштөн кийин Ысмайыл Акматович телефон чалды, үч күндөн кийин Адис менен Айбийкени Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата курортуна жеткирип кайтышты. Келе жатып көл жээгине кайрылып мейманканадан орун алышты, эки күн эс алып, сөзгө келишип Акжаркын көнүп берди, баарына кайыл болуп, бир өмүр Ысмайыл Акматовичтин түбөлүк жары болууга макулдугун берди. Бирок балдарына айтып көндүрмөк болду.

- Жакин, - деди кайтып келе жатканда Ысмайыл, - Мен сен канча күт десең да күтөм, бирок балдарды өзүмө тартууга аракет кылайын, ойлонуп кеңешип көрүп Адисти быйыл күздө колледжге киргизип коем, Айбийке жаш экен, ал биз менен боло берсин.

- Макул, азыр Адис эч нерсе биле элек, эгер билсе эмне дээрин билбейм.

- Кам санаба, биз өзүбүз биригип алсак балдар азыр жаш, көнүп кетүү үчүн жакшы мамиле керек, - деп Ысмайыл келиндин колунан кармалап бир колу рулда, көзү жолдо болуп келе жатты.

- Сиз эмне десеңиз мен ошомун, буйругуңузду гана күтөм, - деп Акжаркын күлгөндө Ысмайыл анын колун өзүнө тартып өөп:

- Акжаркыным, алтыным менин, түбөлүк өмүр шеригим болуп берсең эле болду, башка эчтекенин кереги жок, - деди. Ысмайыл Акматовичтин эки карындашы, бир эжеси, үч иниси бар. Ысмайылдын минтип өзүнө жар болоор селкилерге көз салып жүргөнүн билбей эжеси Канымгүл инисин үйүндө күтүп турган эле. Ал келээри менен эле алдынан тосту:

- Исаке, кайда жүрөсүң, эртеден кечке күтүп отурам.

- Бүгүн келдиң беле, эже?

- Ооба, же өзүң барбайсың, апам дагы карыды, бой жүрбөй үйлөнсө боло деп ыйлап-сыктап жатып оорулуу болду, - деп үйгө киргенче божурап жатты.

- Ой эже, үйлөнүп балалуу болдум, эми небереси колунда турбайбы, алтымышка жашым чыгаарда кайдагы аял? - деп моюн бергиси келбей мойноп койду.

- Исаке, ошентсе да ушул жашыңда жалгыз жашаганың кантип болсун, - Канымгүл жагалдана күлүп, - Исаке, мен сага жакшы келин таап койдум, ал сени билет экен, айтсам эле көрүп сүйлөшөйүн деди, - Канымгүл шыпылдай сүйлөдү.

- Эже-е, мен жаш эмесмин да, андай эле үйлөнгөнүмдү кааласаңар өзүм табам, убара болбогула.

- Эмне дейт, биз тиги Айжанды көндүрүп, ата-энесине дагы айтып койбодукпу.

- Кеңешпей эле айта бересиңерби, мен жаш жигит эмесмин, миңдин ичинен бирди тандап, көңүлүмө жакканды алам эже, жакында үйлөнөм, тойго келгендей болгула, - деп Ысмайыл эжесин жактыра бербей карады, - Чай кайнатайынбы?

- Жо-ок, кардым ток айланайын, мен кетейин анда, - Канымгүл таарынгандай ордунан турду.

- Кеч болуп калды, жатып эле ал, эже.

- Жатпайм, сөзүмдү укпасаң, же сыйлабасаң эмнеге отурмак элем, - Болбой эле эшикти көздөй жөнөдү, - Мага такси чакырып берип кой.

- Өзүм жеткирип коеюн, кайда барасың эми?

- Кайнимдикине барам, үй таппай калмак белем?

- Ой эже, кызыксың да, жаш баладай болбой жылуу жумшак эле жатып албайт белең, - Ысмайыл эжесине таарына үйүнөн чыкты, - Кеттик анда.

- Сен үйлөнөм деп чын айттыңбы? - деди кайра бурула.

- Жалган айтчу белем, жарыктык.

- Таң, ушунча жылдан бери үн катпай жүрүп эле мен келсем үйлөнөм дегениңе ишене албай турам, - деди Канымгүл күлгөн болуп, - Караңгыда убара кылбай эле жатып алайын, беш эчким кармады эле да-а, бир боорумсуң ошонуң үчүн кайра жумшардым, - деп үйгө карай басты.

- Ой эже-е, жаш баладай болуп кетесиң да, сага караганда апам токтоо, - Ысмайыл каткыра үйдү ачты.

- Эми көрдүң беле, мен баягы Канымгүлмүн.

Ээрчише үйгө киришти, Ысмайыл ушул кезде Акжаркынды эстеди, анан: "Жалгыздык жаман экен, Жаркыным жаркылдап жанымда болсо жалгызсырабай калат элем, эртерээк эле макулдугун берсе үйлөнүп алалы, эжемдер да чындыкты айтып жатат, күздө үйлөнөйүн дагы апамды алып келип алып багайын", - деп ойлоп эжесинин сүйлөгөндөрүн укпай тура берген экен:

- Исаке, сен эмнени ойлонуп кеттиң? - деп карысынан булкканда гана селт этип алды.

- Эмне дедиң, эже?

- Опээй ботом, баятан бери сүйлөп эле жатам, деги ойлогонуң эмне, апамдын акыбалы быйыл оор, кан басымы эле көтөрүлө берчү болду, сени ойлоп эле жаны тынчыбайт, - деп диванга отура кетти, - Ө-өх, чарчадым, эс алайынчы.

- Чай кайнатып берейинби, эже?

- Кайнатсаң кайнат, көк чай ичем.

- Эмнеге?

- Башым ооруганда көк чай ичем, карылык келип калса керек, дембе-дем эле башым ооруй берет.

- Давления жокпу?

- Ошо балакети бар го, болбосо оорумак беле?

- Этият бол эже, эми балдарга эркелей турган убагың эмеспи, баары тегиз чоңойду, адам болду, ошолордун урмат-сыйын көрөөр кезиң, - Ысмайыл ушинтти да газга чай коюп кайра келди.

- Эми отур, кана жанагы ала турганың кайдан экен, кандай неме? - деди Канымгүл Ысмайылга жанынан орун көрсөттү, - Отуруп мага айтып бер.

- Эже, кайдан экенин, ким экенин дагы билбейм, бирок быйыл үйлөнөм, жалгыздык мени да жүдөттү, - деди ойлуу.

- Ботом, жөн эле божомолдобой мен тапкан келинге эле үйлөнсөңчү.

- Жок, ал жөнүндө сөз бүттү, чай ичели да эс алалы, эртең иш күн, эрте кетишим керек, - Ысмайыл туруп чайын көрмөк болуп ашканасына кирип кетти: "Кайдан экенин сурабапмын, сураганда эмне, өзү мага жакты, жетет ошол", - деп чай демдеп алып келди, - Эже чай ич.

- Кайнап калдыбы? - Үргүлөп кеткен Канымгүл өйдө болду.

- Ооба, чай ичели, - Экөө бир-эки чыныдан чай ичип анан эс алууга өз-өзүнчө бөлмөгө кирип жатып калышты.

Күн өтө берди, Акжаркын балдарынан санаасы тынбай ойлонгону менен ар күнү Ысмайылдын жанында, ал анын көзүнүн агы менен тең айланып сыйлап, тоого алып барып, эстен кеткис күндөрдү өткөрүп жатты. Ошол күнү дагы алар эс алуудан келип анан үйүнө жеткирип келген, эми машинадан түшө бергенде Турдумамбет аларды карап турган эле, Акжаркын үйүнө кирип кетээри менен анын машинасынын алдына тура калып токтотту, Ысмайыл аны көрүп түшүп келди:

- Жигит, сага эмне керек? - деди ал жөн гана.

- Сизден сурашым керек эле, - Турдумамбет ага тике келип маңдайына тура калды, - Сиз кимсиз?

- Мен адаммын.

- Көрүп турам, болгондо да карт бөрүсүз.

- Эмне дегиң бар, айтаар сөзүң болсо түз айт.

- Менин аялымда кандай ишиң бар, аны жайына кой!

- Аа-а, Акжаркындын жолдошу сенсиңби, бирок аны сен таштап кетпедиң беле?

- Анда ишиң болбосун, биздин балдарыбыз бар, - Турдумамбет кыжыры келе муштумдарын түйө сүйлөдү.

- Билем, бирок аялыңа жакшы мамиле, балдарыңа тарбия берээр учурда ара жолго таштаганыңа жол болсун, аталык милдетиңди аткарбай туруп аялым, балам дегениң жигиттик эмес, сүйлөшкүң келбесе отур машинага, ээн жерге барып сүйлөшөбүз, - деди Ысмайыл Акматович токтоо.

- Жок, мен сени менен дал ушул жерде сүйлөшөм.

- Анда менин сөзүм жок! - Ысмайыл Акматович машинасына отуруп жөнөмөк болгондо Турдумамбет анын кабинасына келди.

- Экинчи бул жерден көрбөйүн.

- Мен анчалык коркоктордон эмесмин жигит, жакында мен Акжаркынга үйлөнөм, эгерде эркек болсоң үйбүлөңө келип ал, болбосо курулай догурунба. Ар бир адамдын өз жолу бар, жашоосу-тагдыры бар, өз чечимиңди туура кабыл алалбай жүрсөң анда сага айтаарым ушундайда кайтарып ал, - деди да унаасын жүргүзүп жөнөп кетти. Турдумамбет үндөбөстөн өз машинасына отурду да көпкө ойлонду, бирок ал Акжаркынга кирип бара албады, аны көкүткөн Гүлү болчу, ал баягы көргөн күнү ага барып:

- Туку, менин сага айтаар жакшы кабарым бар, - деди мойнуна асыла.

- Кандай жаңылык экен?

- Өөп койсоң айтып берем, - деп Турдумамбетке бетин тосту, ал эки бетинен, оозунан өөп анан мойнуна оролгон колун акырын алды:

- Кана эми, кандай жаңылыгың бар?

- Сенин Акжаркыныңды көрдүм.

- Көрсөң эмне болуптур?

- Ушу сенден эле тартынып жүргөн го ал, бүгүн аны Бишкектеги чоң фирманын президентинин жанынан көрдүм.

- Кантип эле?

- Ушинтип эле, баягы Акжаркын жок, балдарыңды да унутуп койгондой бактылуу болуп алыптыр.

- Болсо боло берсин, - Турдумамбет ордунан туруп кетти.

- Кызганып кеттиң го, демек аны дагы эле сүйөт экенсиң да? Эмнеге мага калп айтып кирип келдиң? Мен сени кан жаным менен сүйүп, бүт өмүрүмдү сени күтүп жүрүп өтпөдүм беле, же менин бошко өткөн өмүрүм сен үчүн эчтекеге татыбайбы? - Гүлү жини келе артынан айтканда терезеде ойлуу туруп калган Турдумамбет бери бурулду, - Сулуу десе сулуумун, азыр менде баары бар, а сен бир карапайым аялыңды эч кимге кыялбай турасың.

- Гүлү, мен аны кызганганым жок, өзүң айтып алып кайра мени кызганып жатасың дегениң болбогон сөз.

- Эмнеге анан ойлонуп кеттиң?

- Балдарымды ойлонуп жатам…

- Алар чоңоюп калган да, а менин байкуш түйүлдүгүм сен кетип калсаң кантет? Ата деген эмне экенин билбей, ата мээримин көрбөй өсөбү деп коркуп кетем, - Гүлү чындыкты айтып алып өкүнүп ыйлай баштады, - Мен сени эмне дээр экен деп эле айтып койгомун, а сен ишенип калдың, туталанып кеттиң, андай болсо эмнеге мага байландың, өз үйбүлөңдө эле болбойт белең?

- Гүлү, көп сөздүн эмне кереги бар? Мен сени таштабайм, сага капаланууга болбойт, дени сак балалуу болушубуз керек.

- Сага баары бир эмеспи, балдарың бар.

- Койсоңчу, алар өз күнүн көрөт да, сен менин жанымсың, өз каалоом менен сага келгемин, мен сени сүйөм, эркем, - Турдумамбет Гүлүнү кучактап өөп жанына келип отурду, ички кыжаалаттыгын билгизгиси келбеди, экөө кучакташып көпкө отурушту.

- Туку, - деди көптөн кийин Гүлү.

- Ийи.

- Сен чын эле мени сүйөсүңбү?

- Жаныңда отурганым далил го.

- Жо-ок, бир күнү кетип калабы деп корко берем.

- Эч коркпо, эркекче үйдөн чыктым, эч нерсеге караган да жокмун, ошондон эле сени сүйгөнүмдү билсең болот, жаным.

- Баары бир корко берем, анткени сен аны менен толук ажырашкан жоксуң, балдарыңды сагынган күнү басып кетсең мен кантем? - Көкүрөгүнө жөлөнүп алып кучактап, - Сени ар күнү кетип калабы деп коркуп жашап азаптамын, билсең, - деди шыбырай.

- Гүлү, андай ойдон алыс бол, мен кайрылып барбайм, балдар аман болсо чоңоет да, - деген менен көкүрөгүндө кыз алган жары Акжаркынды кызганып: "Кандай эле андай урматтуу адам менен тааныша койсун, ким эле карап туруптур, мени сынап айткандыр", - деп ичинен сызып жатты. Гүлү болсо өзүнчө убайымда: "Неге айта койдум экен, ичим күйүп кетпедиби, канча жылдан бери жүрүп тапканым шопур же бир мугалим менен карапайым жумушчулар болду, андан сулуумун, өзүмчө ишкана ачып ушул мейманкананы ишке киргиздим, кана мага ошондой адамдын жолукканы, эри кечээ жакында эле койнунан суурулуп чыкса бүгүн минтип кычыраган президентти таап алса кантип күйбөйм, эгерде андай адамга жолуксам муну эмне кылам азгырып", - деп ойлонуп үйүндө жүргөн сиңдисине кайрылды, ал он-он бештердеги кыз, ата-энеси жок, атайын өзүнө алып жумшап жүргөн эле.

- Нуру, секетим, мага ысык бирдеме берчи, кардым ачып кетти.

- Азыр эже, тамак даяр.

- Жакшы, Туку, жүрү тамактаналы, - деп Турдумамбетке кайрылды.

- Мен чылым чегип алып кирем, сен иче бер.

- Макул, тез кир, тамак муздап калат.

- Жарайт, - Ары карап турган бойдон жооп берген күйөөсүнө ичинен бир жини келип алды: "Карасаң муну, аялын ойлонуп жатса керек, менин койнумда жашап жатып башка аялды ойлогон эркектен көрө жогу жакшы", - деп ойлоп ашканага кирип кетти, ойлору бир жерге токтобой өзүнчө кыжаалат: "Мына эмесе деп үйдөн кууп чыгып койсомбу", - деп да ойлонуп алды. Аңгыча Турдумамбет кирип жанына отурду.

- Тамагыңар таттуу болсун.

- Рахмат, бирге болсун, ысыгында ичип алчы, жаным, - Өнтөлөй алдына нан жылдырды, салфетка берип жатты.

- Мени мынчалык өнтөлөп бала белем? - Турдумамбет жактырбагандай күңк этти.

- Жа-аным, бала болбосоң баламдын атасысың, балам төрөлгөнчө сени, андан кийин баламды экөөлөп эркелетебиз да, - Жасакерлене жакасын оңдоп жаагынан сылап койду, - Же-е каалабайсыңбы?

- Эмнени?

- Менин төрөшүмдү, - Гүлү сынай карап калды.

- Бул эмне деген сөзүң, ошо бала үчүн үйлөндүм да, үйгө алып барып келдим, дагы эле ишенбейсиң да, же өзүңдүн арам оюң барбы?

- Кандай арам ой?

- Ит билеби, кайра-кайра эле суроо жаңырта бересиң.

- Эмне, жанагы этегин эптей албаган аялыңды сагынып калдыңбы, же ал менден артык көрүнчү беле? - Гүлү жини келе атырылып кетти, - Ошо салбарыңдан керек болсо төөчөлүк өйдөмүн, дегеле эркектер эчтекени баамдабайсыңар, салыштырып көрсөң деле сезет элең.

- Койчу бай болгур, ал өзүнчө адам, сен өзүнчө, бири-бириңе мындай сөз айтчу болбогулачы, - Турдумамбет бир саамга ойлоно калды да, Гүлүнү жибитип өз оюн ачыкка чыгармак болду, - Гүлү, андан көрө сүйлөшөлү да, менде бир ой бар, кулак салчы.

- Кандай ой экен, угуп көрөлү, - деп кашын серпе аны тиктеп калды.

- Эгерде терең ойлоп түшүнө билсең абдан жакшы сунуш.

- Суну-уш…

- Ооба.

- Кана айта бер.

- Сен мени сүйөсүң ээ?

- Ооба.

- Мен дагы сени сүйөм, ошондуктан мен ойлоп жатам, Акжаркын экөөңөр ынтымакка келсеңер экөөңөр менен тең эле жашасамбы дейм.

- Эмне-е?!

- Болду, акырын сүйлө.

- Мени эми ошол салбар катының менен табакташ болсо, күнүлөш болсо деп турасыңбы?

- Эмне экен, экөөңө тең жарайм.

- Бас оозуңду, мен эрге тийбей ушунча жыл жүрүп, араң жеткенде эримди бирөө менен бөлүшмөк белем?! Андай эле катыныңды кыялбай жатсаң азыр кете бер, төрт тарабың кыбыла! - деп булкуна эшигине жетип каалганы чоң ачты да, - Бол тез, көз-зүмө көрүнбөй жогол! - деп бакырды.

- Жинди болдуңбу, мындай экениңди билгенде изиңди басмак эмесмин, кетсе кете берем, сүйөм-күйөм деп азгырган өзүң, - Турдумамбет илгичте турган костюмун алып ийинине арта салды да эшикти көздөй басты, - Экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн сени!

- Туку! - деп бакырды кайра Гүлү, - Кеткиң келип турду беле ыя, анда эмнеге үстүмө кирип келдиң, эмнеге дос-туугандарыма жарыя кылып эр катары көрүндүң?

- Өзүң кааладың, келүүнү да каалаган эмесмин, эми кетким келген эмес, кет дегенде ит да кетет го, кош бол!

- Туку, токтой турчу Туку, экинчи жанагыдай сөзүңдү эле мага угузба, сенден ажырагым келбейт, ажыраган күнү өлүп калганым жакшы, таштап кетпе, Туку! - деп жетип келип кучактап калды, Гүлүнүн үйү алты бөлмөлүү кирпичтен салынган там, короосу чоң, ошол короонун ичинен чыгарбай ыйлап турду, - Болгону бизди бирик деп айтпа, сени жалгыз гана өзүмдүкү деп жүрөгүм тынч жашайынчы.

- Болуптур эми, мындан ары "кет, кайра кайт" деп мени мазактабай турган болсоң гана жашайм, болбосо сени таштамак турсун бир сырыңды ачып коем!

- Кандай сыр?

- Укканда билесиң.

- Сенин мени коркуткуң келип жатабы?

- Коркутпай эле, чындыкты уккамын.

- Туку, эмне деп эле жатасың, кирчи үйгө, сүйлөшөлү, - Гүлү Турдумамбетти колтуктай үйгө киришти: "Эмнени айтып жатасың деги, эгерде кыз кезимде төрөгөнүмдү билсе Бекуну да билет экен да, кайдан угуп алды? Оо кудай, кулагым укпаса экен андай шумдукту", - деп ойлонуп үйгө киргенден кийин унчукпай калды.

- Бекуну кантип эжеңе бергениңди унутуп калдыңбы? - деди Турдумамбет кайрадан сөз козгоп.

- Туку, кайдагыны айтпачы, мен аны өзүм жакшы көрөм, эжем аны балдар үйүнөн алган.

- Калп айтпа, Гүлкан! - Турдумамбет эми күчөй үнүнүн бардыгынча айтты, - Сен жездең менен жүрүп алып анан эжеңе телефондон айтканыңды бүт билем, азыр Беку жездеңдин өзүнө окшош экенин кантип тана аласың?

- Туку, ал калп, ушак жөн эле.

- Актанба.

- Актанып эмне кылам, анын экөөбүздүн жашообузга кандай тиешеси бар, эжем аны өз баласындай көрүп багып жүрөт…

- Эгерде күйөөсүнөн сенин төрөгөнүңдү билсе бир туугандыктан эбак кечип таштамак, ашыкча сөздүн кереги эмне, башканын кемчилигин издегиче өзүңдүн баскан жолуңду калыстап таразалап көр, анан бирөөгө сынтак. Жашайм десең мындан ары мени кол жоолукча колдонбо, эсиңде болсун, дагы бир жолу "кет" дей турган болсоң караанымды таппай каласың, бул бир, эжеңдин үйүнө жарылчу бомба түшөт.

- Эмне, бомба дейсиңби?

- Сенин төрөгөнүң жөнүндө аныктама.

- Аны кайдан…

- Менин колумда баары, жездең экөөңөрдүн жүргөнүңөрдү далилдеген сүрөттөрдөн бери бар, - дегенде Гүлү томсоро отуруп калды, - Бул сырды менден башка дагы экөө билет, аларды мен зорго тыйып отурам.

- Укму-уш, кан кускурлар десе, кандай гана акмактар изиме түштү десең, - Ыйлап жатты.

- Долулугуң менен баарын жеңем деп ойлобо, мен сага көз каранды болбойм, мурда кандай эркин болсом дал ошондой болуум керек Гүлү, мындай жол менен эрки бош мокок эркектерди гана кармай алат аялдар. Дагы бир айтаарым, Акжаркын жөнүндө ашыкча бир ооз сөз укпайын. Мен андан чыгып сага биротоло келдимби, демек сени менен жашайм, тажатчу болсоң басып кетиш секундук, - деп Турдумамбет төргө жатып алды. Гүлү үнсүз гана отуруп калды, көз алдында мектепти жаңыдан бүтүп келген жылы...

***

Балдары жаш болгондуктан эжесине жардамдашмак болуп келген эле, Токтобай ветврач болуп иштөөчү. Келгенине бир жылдай болуп калганда Гүлкандын эжеси Айкан ооруп шаарга ооруканада жатып калды, ошол жылы окууга тапшырганы жаткан, май айы болчу. Токтобай балдызына көптөн бери кызыгып жүргөн, ошол түнү кызуу келди, Гүлкан тамак бермек болуп үстөл үстүн жайып жатса ал:

- Гүлү, кардым ток, андан көрө жаныма отурчу, - деди.

- Эмне болду, жезде? - Гүлкан эч нерсе оюнда жок эле жанына жакын отурду.

- Гүлү, азамат кызсың, жакында окууга тапшырасың, анан бой жеткен кыз болуп жигит жандайсың, анан күйөөгө тийесиң, - деп тизесине колун коюп улам өйдөлөп баратты, кыздын бүткөн бою жыйрыла өзүн ары тартты.

- Жезде, орун даяр, жатасызбы? - Кысына ооз учунан сүйлөдү.

- Шашпа-а, жата турган кез келет, өлсөк турбай тургандай түбөлүк жатабыз, ага чейин баарына жетишиш керек, - деп колун далысына алып барып эмчек тарткычынын артын сыйпалап өзүнө тартып кыса кучактаганда кыз:

- Жезде, кое бериңизчи, - деди эле ал кое берип колун тизесинин үстүнө коюп улам өйдөлөп баратты. Дал ушул учурда кызды бир белгисиз сезим дүүлүктүрүп жиберди.

- Кандай сулуу кызсың ээ, сен дагы бирөөнүн жары, баланын энеси болосуң. Аттиң, жаштыгың, сулуулугуң ушул бойдон өзгөрүлбөй тура берсе кана? - деген жездеси кызды алда качан эле ачакайынан кармалап жатса да кыз телмире үнсүз отурган эле, Токтобай аны чоочутуп албайын деп чекесинен өөп колун үч кошкондун ортосуна алып барды, андан ары кыздын делебеси козголуп жездесине ыктай башын жөлөп алган, ошондо эркек аттуу кантип чыдамак, дароо эле алкымынан жыттап кирди, кыз көзүн жума жездесинин мойнуна колун артты.

- Жезде, коюңузчу, уят эмеспи, - дегенге араң жарады.

- Эчтеке эмес, эч ким билбейт, эжең сакайып келгенче билинбей калат, - деди да оозгу үйдөн төркү бөлмөгө көтөрүп кирип кетти. Улуусу алты-жети жашар, эң кичүүсү эки жарым жаштагы үч бала уйкуда болчу, ошентип Токтобай балдызын ошол күнү өзүнө энчилеп алгандай болду. Арадан жарым айча убакыт өткөндө Айкан ооруканадан чыгып келди, антип минтип документ даярдап Гүлканды шаарга окууга киргизип жездеси дайындап келип аялы менен жакшынакай жашап жүрө берди. Токтобай эки күндүн биринде шаарга келип Гүлканды өзү менен кошо алып жүрүп, кээде машинада түнөгөн күндөрү болду. Бирок көп өтпөй үч айдан кийин Гүлкан боюнда барын билгенде аргасы куруп жездесине айтып отурду.

- Эми эмне кылам, апамдар менен эжемдер билсе мени өлтүрөт, - деп ыйлактады.

- Эч нерсе эмес, жолун табабыз, - деген Токтобай өз тааныштарына алып барса бала чоңоюп калган экен, абортко каршы болуп койду, ошондо Гүлкандын көзүнүн жашы көл болуп:

- Эмне болот эми, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эле го? - деп буркурап жатты.

- Капаланбачы эми, мынчалык эле ыйлаак болбосоң алтыным, бир аргасын табаарбыз, - деп соороткону менен өзү деле кыжаалат болуп үйүнө кетти. Бирок аялына сыр бербей абалкысындай жадырап отурду, ошондон бир жума өтпөй айыл-чарбасы боюнча семинарга жөнөп калды, ошол келишинде Гүлканды бир жолу кайрылбастай кылды, анткени ал ачык айтам деп долуланган эле.

- Мен сизди эжеме ачык айтамын, - деди ал ошондо.

- Гүлү, сен антпе, Айкан экөөбүздүн бири-бирибизди сүйөөрүбүздү билесиң, балдарыбыз жаш, сен эптеп төрөп ал, менин үйүмө алып барып ташта, өзүм багам.

- Төрөгөнчө апамдарды көрбөй жүрө беремби?

- Көп болсо бир жыл, сен баланы билгизбей биздикине таштасаң сага мен үй алып берем, бир жыл чыдасаң кайра окууга киргизем жаным, садагам мени сыйлачы, суранам сенден, - деп өпкүлөп жан алы калбай алтын дүкөндөрүнөн сөйкө шакек алып берип анан сооротуп ал түнү да бирге болушту. Гүлкан ошол кезде он сегиз жашта болчу, алданды да унчукпай кала берди, ичи билинген кезде пальто кийилип калган, жатаканадан чыгып бир тааныш кызы экөө бирге жашап калды, анын эжесинин үйү экен, алар кызматтагы адамдар болгондуктан Москвага үч айлык курска кетиптир. Гүлкан узун бойлуу болгондуктан анча билинчү эмес. Жаңы жылга үч күн калганда толгоосу кармап түнкү саат он экини көрсөткөндө уул төрөдү, курбусу анын жанында, эртеси түн катып жездесинин айылын көздөй такси менен келишти да жылуу оролгон бир күндүк, али көзүн ача элек наристени Токтобайлар жатчу бөлмөнүн терезе тушуна жаткырып коюп карап турушту…

***

Ушуларды ойлонуп отурган Гүлүнүн көзүнүн жашы төгүлүп турду, эч ким билбейт деп ойлогону менен экөөнүн бирөө сөзсүз шыбыш чыгарып коеорун сезди: "Демек Айчүрөк айткан экен, ал буга кайдан жолугуп жүрөт? Мен аны көрө элекмин, балким экөөнүн байланышы бар чыгаар", - деп ойлоп заматта кызганып да кетти. Турдумамбетке Айчүрөктүн күйөөсү айткан, анткени ал күйөөсүнө бир нерсени жашырбай айта берчү. Турдумамбет менен Айтбек тааныш болчу, экөө сүйлөшүп калып Гүлү жөнүндө сөз болгондо кептен-кеп чыгып отуруп Айтбек:

- Ошол кезде Айчүрөк өтө тың экен да, курбусу аргасын таппай жүрүп дагы жездеси менен байланышып жүргөнүн көрүп жини келип тартып алыптыр, анткени Айчүрөк сүрөт тартчу ошол кезде, - деп бакылдап калды.

- Укмуш экен, азыр деле сүрөт тартабы?

- Ооба, кесиби ошол да, Гүлкандын мейманкана ачканын угуп барып келем деп жаткан, бирок убактысы жок.

- Келсе болмок, өткөндү эскертип койгон жаман эмес, - деп күлдү Турдумамбет.

- Ээ дос, азыркы кезде акчаны оңой табуу кыйын, мен бир ойду ойлоп жүрөм.

- Кандай ой?

- Гүлкандын кабинетине ошол сүрөттү бир алып кирейин деп ойлодум эле.

- Кандай ой?

- Көрдүң беле бажаңды?

- Ооба.

- Ошого оп-окшош он жетиге чыккан баласын көрдүңбү?

- Ооба, аты Беку, келип кетип жүрөт.

- Дал ошол бала да.

- Койсоңчу, кайнеже аны өз баласындай эле жакшы көрөт экен го, балким жаңылып жүрбө?

- Жаңылбай эле, Гүлканды коркутуп көп суммадагы акча өндүрүш керек, сен эмне акчадан качасыңбы, керек болсо сага да керек, биз менен иштешсең акчага маарыйсың, же анын акчасы меники деп сен ага ишенип жүрөсүңбү, ал бир күнү сени кидайт этет, анын жигиттери толтура, - деп Айтбек каткырган эле, ошондуктан Турдумамбет Гүлүгө айткан болчу: "Чын эле, бул мени кууп чыкканча алар менен "иштеше" берсем эмне болот, үйгө барсам Акжаркын киргизбей коймок беле, ал мындай эмес, жүрөгүн муздатсам да кыялбайт", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Ошентип алар бири-бирине унчукпай кайрадан мамыр-жумур болуп жашап жатышкан, бир күнү эле Турдумамбетке Айтбек жолугуп калды.

- Кандай, дос?

- Жайында.

- Баягыны ишке ашырууга убакыт жетти.

- Кандайча?

- Мына муну кара, - деп Айтбек конвертке салынган сүрөттү алып чыгып четкерээк басты, Турдумамбет саргая түшкөн сүрөттөн бала кездеги Гүлүнү көрүп таңгалды, бир киши менен өбүшүп жатканы, биринде машинанын ичинде жатканы даана көрүнүп турат.

- Шумдук, ушунча жыл сактаган экен да.

- Ооба, эми чоң пайдасы тийгени турат.

- Андай кылбаса болбойбу?

- Ээ дос, азыр момент керек болуп турат да, Айчүрөк муну кандай ой менен тартканын билбейм, бирок ага дагы билгизбей иш кылыш керек, - деп Айтбек таңдайын так эттирип койду, - А сен мага жардамчы болосуң, буга кандай дейсиң?

- Эмне кылышым керек?

- Сүрөттү конвертке салып кабинетине киргизип бересиң.

- Койсоңчу, мен андай кыла албайм.

- Миллионду экиге бөлөбүз да.

- Ошондо деле, никелүү аялыма мындай иш жасаганым болбойт го досум, сага эмес ага жардам беришим мүмкүн, - деди Турдумамбет жылмая сырдуу.

- Опээй дос, мен сага сырымды айтып жатса, - Айтбек чычалай бир аз кызыктай болуп кетти, - Бирок эсиңде болсун дос, мен сени гана салып берип коем, менден баарын күтсөң болот, - деп кайра каткырды.

- Мен да оңой эмесмин, алдымдагы ашты коруп иче алам.

- Тамаша Туке, ишке өтсөк жакшы болот эле.

- Болуптур, бирок бир шарт менен.

- Кандай шарт?

- Мындан ары биз ачык эмес жашыруун жолугушубуз керек, эч ким бизди көрбөгөндөй болсун.

- Жарайт, эртең жасай аласыңбы?

- Болуптур, - деди да конвертти алып чөнтөгүнө салып акырын басып кетти, ошол күнү ал Гүлүнүн кабинетине келсе эч ким жок, кулпулануу экен, акырын эки жагын карап туруп каалганын алдынан түртүп ийди да шашыла чыгып кетти. Ал кеткенден жарым сааттан кийин Гүлү Төрө менен ээрчише сырттан кирди. Кабинетин ачып кирип келе жатып эч нерсени көргөнү жок, өтүп ордуна отуруп калды, бир аздан кийин секретарша Айна кирип келе жатып босогодо жаткан конвертти көрүп эңкейип ала койду, анын эңкейгенин көргөн Гүлү эч нерсени байкаган жок, Айна алып кирген кагаздарын анын алдына койду да конвертти чөнтөгүнө салып акырын чыгып кетти. Сүрөттүн артында "1987-жыл", - деген жазуу бар экен. Айна ачып көрүп анча деле маани бербей үстөл үстүнө коюп койду да өз иштерин жасап отура берди. Ошол кезде Гүлүнүн телефону чыр этти эле ала койду:

- Ало, мен Тагаева, угуп жатам.

- Сүрөттү көрүп өткөн күндөрдү кайрадан эстеп ырахаттанып отургандырсыз? - деген бейтааныш коңур үн угулду.

- Эмне дейсиз, кайдагы сүрөт, сиз кимсиз?

- Калп ойкуштабаңыз, эми бирөөнүн үйүн бузуп жүрөсүз, бирок эжеңиз бул сүрөттү газетадан көрсө бириңди-бириң акыретте гана көрө турган болосуздар!

- Бас жаагыңды, кайдагыны айтасың? - Жини келе мууну калчылдап үстөлдү бир уруп трубканы коюп койду да ордунан туруп секретаршасына жетип барды, - Бүгүн мени издеп эч ким келген жок беле? - деди ачуулуу.

- Жо-ок, эч ким келген эмес.

- Ордуңдан жылган жок белең? - деп жатып үстөл үстүндөгү саргайган сүрөттү алып көрүп, - Муну кайдан алдың? - деди көздөрүн чакырайта.

- Бул жерге таштап кетиптир, - Айна коркуп кетип үрпөйө жооп берди.

- Эмнеге ачасың, же сенин тиешең барбы?! - деди да ылдам басып кабинетине кирип кетти, сүрөттөрдү карап отуруп: "Ошол убакта ким мени аңдып жүрдү экен, кандай гана акмак менин изиме түшүп алды", - деп ойлонуп отурганда кайрадан телефон чырылдады. Алды да үн катпай тыңшап турду:

- Эгерде жооп бербесеңиз эртеңки гезиттен "унутулган махабаттын учугун улаган данек", - аттуу чыгарманы сүрөттөр менен бирге окуганда эсиңе келээрсиң, - деди колдураган үн.

- Сен кимсиң, мен сени менен жолугушум керек.

- Жок-жо-ок сулуу, сен только "адам" аркылуу салышың керек, эгерде бирөө жарымга билдирсең өзүңдүн өмүрүңө коркунуч келээрин унутпа!

- Кандай адам, канча керек, качан алып барам?

- Бир миллион сомду Чоң-Арыктын үстүндөгү эски көрүстөндүн четинде күмбөз бар, ошонун ичине таштайсың, андан кийин сага өзүм жолугам да сүрөттү толугу менен берем. Байка, жалгыз келүүнү унутпа, эртең кечки саат сегизде! - деди да трубканы коюп койду.

- Акмак! - деп Гүлү башын чеңгелдеп отурганда эшик ачылып Төрө кирип келе жатканда баш көтөрө калып сүрөттү үстөлдүн суурумасына сала койду.

- Эмне болгон сага, өзүңдү жоготуп койгонсуң го? - деди Төрө анын жанына келип.

- Ишиң болбосунчу, эмнеге келдиң? - Гүлү көзүнөн заар чача карады.

- Сага эмне болду? Жумуш бар, бомба түшкөндөй түнөрүп алыпсың, жолуң болсун, башка күнү сүйлөшөм, - деп Төрө чыгып кетти.

- Бар-бара бер, мага бомба түштү, сенин эчтекең коробойт, экинчи мага келчү болбо! - деп бакырып жиберди Гүлү.

- Болуптур, кеттим, - деген Төрө чыгып кетти.

- Акмак, кандай акмактын колунан келди экен, эми эмне кылам, кимге кеңешем, милицияга кайрылсам бекен, - деп кабинетте аркы-терки басып жүрүп аргасы кетип шашыла сумкасын алды да кабинетин кулпулап үйүнө жөнөдү: "Муну Турдумамбет дагы билет, мен аны көрсөтөм, ал мага баарын айтып бере турган кылам", - деп машинасына отуруп жөнөдү. Келсе Турдумамбет апасы Айымбү экөө отуруптур:

- Келиңиз апа, качан келдиңиз? - деп Гүлү учурашып ички бөлмөгө кирип кетти: "Ушунусу эле жетпей жатты эле, кайдан да келе калды", - деп ойлоп кийимин которунуп халатчан чыгып келди.

- Жакшы жатасыңарбы айланайын, ал-абалды сураганча ачуулуу түрдө кирип кеттиң да, жактырбасаң жарыкта кетейин, - Айымбү келинине нааразы боло карады.

- Апа, чарчагандыкы го, кечирип коюңуз мени, кийинки кездери өзүм ушундай чарчап ачуулуу болуп жүрөм.

- Ооба-ооба-а, боюнда бар аял чырт этме болуп сөз көтөрө албаса кыз төрөйт, сен адам жактырбайт экенсиң, кыз болот го ичиңдеги, ошондой боло берет.

- Кечириңиз, тамак жасай коеюн, - Гүлү Турдумамбетке кайрылды, - Апама чай-пай бердиңби?

- Ичтим балам, учурашып келейин деп эле келе калгамын.

- Анда мен тамак жасайын, - деп ашканасына кирип баратып Турдумамбетти ымдай өзүнө чакырды, ал жанына келгенде:

- Эмне болду? - деп Гүлүнү сынай карады.

- Сен үч киши билет дегенсиң, алар кимдер, эгерде айтпасаң сени милицияга берем.

- Эмне-е, сенин кара иштериң менен кандай ишим бар, башты оорутпачы Гүлү, мени үйбүлөмдөн ажыратып туруп кайдагы шылтоону айтып ошондой жол менен кетиргиң келип жатабы, мен сага оюнчук эмесмин, милицияга бергенде менин сөзүмдү кантип далилдей аласың, мен эчтеке билбейм, - деп жинденип кетти.

- Туку, бүгүн мага сүрөттү кимдир бирөөлөр секретаршанын жанына коюп кетиптир, кечээ сен айткансың ал жөнүндө, демек сен билесиң.

- Мен эчтеке билбейм, ал кандай сүрөт экен, андай жашагың келбей, апамды жактырбай жатсаң биз азыр эле кетип калалы, шылтооң ошолбу сенин? - Маңдайына тикелей келип акырын апасы укпагандай айтты.

- Анан ким, кандай неме? Менден миллион сом өндүрмөк болгон ким өзү? Акча бар дечи, бирок ал ким, ошол мени кыйнап жиберди, - Гүлү саал жоошуй сүйлөдү, - Эмнеге ушунча жылдан кийин мени коркутуп акча сурап жатат?

- Мен кайдан билем, мага ушул сенин үй телефонуң аркылуу айткан, башка эчтеке билбейм, алар менимче оңой адамдар эмес, түп нускасын алууга аракет кылышың керек, - деди Турдумамбет ага акыл айтып, - Демек, телефондон чалгандар чын экен да?

- Ошондой, он жети жылдан бери бугуп жатып эмнеге анте калышты десең, булар эми жездеме дагы барбаса болду? - Гүлү үрпөйө Турдумамбетти карады.

- Көрөсүң да, мен кайдан билем.

- Туку, мени ушундай кезде жалгыз калтырбачы, эмне болуп кетет деп жаман болуп турам, - Гүлү Турдумамбетти жалооруй карады.

- Өзүң жинге тийбей жүр дебедим беле?

- Болду, сага сүйлөбөйм.

- Тамагыңды жаса, апам жаман ойлоп калбасын, мен апамдын жанына барайын, - деп Турдумамбет чыгып кетти.

- Шүмшүк, бирдемени билет, - деп Гүлү анын артынан шыбырай жини келе карап калды.

Эртеси Турдумамбет Гүлүдөн акырын сырын тартмак болуп суроо салды.

- Эмне, чалбай калыштыбы?

- Жо-ок, бүгүн чалбады.

- Анда коркпой эле кой, жөн эле коркутуп жатса керек да?

- Билбейм.

- Макул, мен өз ишиме барып кайра келем да апамды айылга жеткирип келем, кечинде кеч келем го?

- Келе аласыңбы, апамды таксиге эле салып ийбейсиңби?

- Эмнеге, өзүм жеткирип келейин.

- Ма-акул, - деп койду Гүлү. Турдумамбет өз машинасы менен, Гүлү өз машинасы менен эки жакка кетти. Түштөн кийин Гүлү сейфин ачып акча алды да, ага кассадагы акчадан кошуп бир миллионду сумкага салып кабинетинен чыкты, жүрөгү дүк-дүк этип: "Эми эмне болот, түп нускасын бербей дагы ойнотсочу, кантип билем, жездеме билдиришим керек", - деп ойлонуп кетип баратып болжогон жерге келгенде күн уясына жакындап калган, үлп эткен жел жок, күн салкындай баштаган кезде четтеги эски күмбөздүн ичине кирүүдөн айбыгып жетип жетпей токтоду да сумканы жерге коюп, эки жагын карана кайра артына басканда артынан үн угулду:

- Бекер шашыласыз! - деген үндү угуп Гүлү бурула берип бет кап тагынган адамдын сумканы көтөрүп алганын көрдү:

- Кана менин "товарым".

- Шашылбаңыз, эртең үстөлүңүздүн үстүндө болот.

- Жок, мен аны албай кетпейм, сөзүңөргө турбайсыңарбы, мен өз билгенимди кылам, - деди Гүлү коркуп турса да чыйрала.

- Кам санабаңыз, түп нускасы менен барат, эгерде бул акча толук болсо.

- Толук, бир да ашык-кеми жок.

- Анда сиз менен экинчи жолукпоого аракет кылам, эртең кабинетиңизге алып барып берем, - деди да беткапчан адам сумканы көтөрүп мүрзөнү аралай басып кетти, Гүлү мындай ээн талаада эч нерсе кыла алмак эмес, бир гана ойлогону: "Муну ким кылды, кайдан тапты, ким тарткан", - деген суроо мээсин мыжып жатты. Ошол кезде курбусу, болгон сырын төгүп сырдашкан Айчүрөктү эстеди, анын ошол кезде фото аппарат көтөрүп алып сүрөт тартып, студенттерди тартып жүргөнүн билчү. "Ал неге тартмак эле, бир кезде пайдаланам деп атайын тартты бекен, кантип ошого барды, ошо кездеги менин көз жашымды көрүп туруп, жездемдин алып бергендерин пайдаланып жүрүп ушуга бардыбы", - деп ойлонуп келе берди. Үйүнө келип диванына шалак эте жыгылды. Эч ким жок ээн үйдө буркурап ыйлап жатты: "Эми бутка туруп келе жатканда тапканым желге кетти, неге мындай болду, же Акжаркынга жасаган мамилемби же анын күйөөсүн тартып алганым үчүнбү? Кассада болоор болбос акча калды, түп нускасын беришеби же аялдык кылып аларга алдаттымбы, же мындай иш башымдан өтпөсө кантмек элем, коркунучтуу экен", - деп ойлору будуң чаң. Түн бир оокумда дарбазасынын коңгуроосу кайра-кайра чырылдаганынан зорго туруп барып:

- Ким? - деди Гүлү.

- Мен эле, Гүлү, - Турдумамбеттин үнү чыкканда ачып жиберди, - Ойгоо белең?

- Жо-ок, уктап жаткам, - Гүлү артына бурулду, түнкү көйнөкчөн келин жүзүн көрсөтүүдөн айбыкты, Турдумамбетке ыйлагандан шишиген жүзүн көрсөтпөй жарыгы өчүрүлгөн бөлмөгө кирип кетти.

- Өх чарчадым, - деди Турдумамбет чечинип жатып.

- Кардың токпу?

- Ооба, жатып эс алайынчы.

- Саат канча болду?

- Үчтөн өттү.

- Аа-а, - Гүлү унчукпай жатып калды.

- Салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Апам сага капа болуп калды.

- Эмнеге?

- Бузуп тийди дебей жакшы кабыл алдым эле, мен барсам дурустап да учурашканга жарабады дейт.

- Өзүң көрдүң го, ошондой болуп калды.

- Мен сени түшүнөм дечи, кары киши да, андан көрө бүгүн эч ким чалбадыбы?

- Жо-ок.

- Жакшы анда, уктайлы ээ, көңүлүң тынчыбай жатса керек, - деп Турдумамбет аны кучактай жатып жибитип сырын тартмак болду, бирок мисирейген Гүлү сыр айтпады, тоңгон муздай болуп койнунда жатып уйкуга кирди: "Эн-неңди шуркуя, мени түбөлүк эрим деп ойлосо төкпөй-чачпай айтмак, демек мунун котур ташы койнунда окшойт, сага чала", - деп ойлоп Турдумамбет кекенип жатты.

Ошол бойдон экөөнүн ортосу суугандай болду, түп нускасы колуна тийген Гүлү көңүлү жайлана жумушунда алаксып жүрө берди, дагы бир күнү Чүй көчөсү менен кетип жаткан, август айынын аяк чени болчу, эгемендүүлүктүн майрамына кызуу даярдык көрүлүп жолдордун баары кызыл-тазыл желектер менен кооздолуп жаткан, чоң көчөнүн кесилишинде бурула бергенде дагы баягы тааныш машинада отурган Акжаркынды көрүп калды, бараткан ишин токтотуп алардын артынан жүрүп отурду эле алар жалаң чет элдиктер кирчү чоң ресторандын жанына токтоду, четкерээк токтотуп карап туруп келбети келише кийинип, чачын төбөсүнө түйгөн Акжаркынды Ысмайыл Акматович өзү түшө калып эшигин ачып колдон ала түшүргөндө ичи күйүп ордунан кандай жылганын билбей калды: "Адамды ушунчалык да алакчылайсыңбы жараткан, Акжаркынды эрин тартып алып мүңкүрөтөм десем ал мен ойлогондон эки эсе бактылуу болуп баратат, менин ишим кыйчалыштап банкротко учурап жатам, бул эмне деген азап", - деп жолдо баратып ыйлап да алды. Ал күнү эч иш бүтүрбөй эле кайра жумушуна келди, келсе үч-төрт кол алдындагы кыздар алдыңкы кабаттагы кафеде каткырып күлүп тамактанып отурушуптур. Аларга жини келип:

- Силер эмне базарда отургандай шарактайсыңар, иш учурунда бул жерде эмнеге күлүп жатасыңар, кардар тейлебей эле көңүл ачып жаткансыңар го? - деп катуу тийди.

- Гүлкан Тагаева, биз түштөнүп жаттык эле, - деди ордунан тура калган секретары Айна.

- Шарактабай кардарды тейлегиле, келгендерди жакшылап кабыл албасаңар ким келет? - деп өйдө көтөрүлүп кабинетине кирип туталанып отурганда телефону шыңгырады.

- Ало угуп жатам, - деп кош көңүл жооп кылды эле арытан жездеси Токтобайдын тааныш үнү угулду.

- Гүлү кандайсың, биз жолугушубуз керек, шашылыш иш бар, - дегенде Гүлүнүн башына таш тийгендей зың эте түштү: "Демек ага дагы жеткен экен да, эми эмне деп жооп берем, балким ал менден көрөөр, эгерде эжем укса кантет, Бекучу? Ай кудай ай", - деп зыңгырай отуруп калды эле, - Ало, ало Гүлү, мени угуп жатасыңбы? - деген Токтобайдын үнү жаңырып жатты.

- Ооба, - деди араң.

- Тез келип мага жолук.

- Каерден? - Гүлү болжогон жерге жетмек болуп шашыла трубканы койду да кабинеттен чыкты. Секретары менен бухгалтер, кассир кыздар аны таңгала карап кала беришти.

- Ой кызык, - деди Гүлнара деген бухгалтер, - Буга эмне болгон?

- Көптөн бери өзүндө эмес, олуттуу маселеси бар го?

- Мен аны билем, - деди Айна аларга акырын көзүн ымдай.

- Эмне болгон экен?

- Сен кайдан билип жүрөсүң? - дешип экөө ага карашты.

- Бир күнү менин үстөлүмдүн үстүндө конверт туруп калыптыр, мен аны мага экен деп эле ачып көрүп таңгалдым, бирок сүрөттөгүлөрдү тааныган эмесмин, ойлосом Гүлкан эженин жаш кези экен, кийин билдим.

- Анан эмне болду?

- Өзү алып кетти, - деп Айна аларга кызыктуу кылып айтып берди.

- Ай-ий ай, кызык тура, - дешип отуруп өз ордуларына тарашты, Айна ичинен: "Ошол сүрөт соо эмес экен да, кокус кабинетинен алганымды көрсө мени өлтүрмөк", - деп ойлоп ишине киришти.

Гүлү шашыла жездеси айткан жерге келсе ал ээн жерге чакырып тынчы кете күтүп турган экен.

- Эмне болду, жезде? - деди жетип-жетпей эле.

- Иш чатак, сүрөттү ким тартканы белгисиз, гезитке ачык беребиз деп кат жөнөтүшүптүр, - деди Токтобай.

- Акмактар, акча табуу үчүн жасап жатышкан экен, - деди Гүлү жүзү кубара, - Алар мени да курутушкан.

- Кимдер?

- Кимдер экенин билсем кана?

- Эми эмне кылабыз? Беку менен эжең билсе курудук, мындай болоорун ким билиптир, алтымыштан ашканда башымды азапка салды го Гүлү, мен андай акчаны кайдан табам? - деп Токтобай күйүп-бышып жатты.

- Эмне кылышым керек анан?

- Сен таппасаң менде кайдагы? Ошончо акча кылам деп мал сатсам эжең эмне дейт, саттырбайт дагы, себебин сураса эмне дейм?

- Билбейм жезде, бул жерде сиздин күнөөңүз көбүрөөк, мени да азапка салдыңыз, эми жаңыдан бутка туруп келе жатканда артка кеттим, кассада сокур тыйын акчам жок, кардарлар дагы кычагансып аз болуп жатат, - деп ыйламсырады Гүлү.

- Анда бар тобокел кылабыз да.

- Андай боло турган болсо эмнеге мен бардым?

- Айла жок, танып кетүүгө болот, гезитке берсе дагы көрдүк да, - деди Токтобай.

- Анда мындай, мен карыз алайын, сиз мага жардам бериңиз ачыкка чыкканда болбойт, жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы жакшы, качанкыга деди эле?

- Үч күндөн кийин.

- Айтыңыз, бир жумадан кийин деп.

- Жарайт, - деди Токтобай оор күрсүнө.

Экөө бир азга сүйлөшүп турушту да өз жолдору менен кетишти. Гүлү айласы куруп адегенде эле бир таанышын эстеди, жумушуна келбей эле ошого жөнөдү, ал дагы бизнесмен эле, Кытайдан, Ирандан товар ташып күркүрөп турган кези. Руслан абдан март жигит, Гүлү менен бир кезде таанышып ал тургай мамилелери да бар болчу. Дароо эле анын үйүн көздөй жөнөдү. Ал жалгыз бардык шарты бар бир бөлмө үйдө турат, иши туруктуу болбогондуктан үйбүлөсү айылда, өзү кээде гана болот: "Үйүндө болуп калса экен", - деп кабат үйдүн алдына токтотту да төртүнчү кабатка чыкты, тилекке каршы ал жок болуп чыкты. Шаабайы сууп ылдый түшүп келе жатса алдынан Айчүрөк чыгып калбаспы. Көп жылдан бери көрүшпөгөнгө экөө тең бири-бирин карап токтой калышты да:

- Сен, сен Гүлкансыңбы ыя? - деди Айчүрөк озуна.

- Ооба, а сен Айчүрөксүңбү? - деп экөө күлүп кучакташып өбүшүп калганда Айчүрөктүн жанындагы Айтбек басып кетти.

- Кандайсың ыя, иштериң кандай, жашооң дегендей?

- Баары жакшы, өзүңчү?

- Кудайга шүгүр, адам баласы кудайга шүгүрчүлүк кылса пендесине ыраазы болот экен го? - Айчүрөк күлдү, - Үч балам бар, а-аа, - Эки жагын карап күйөөсүн таппай калды, - Менин күйөөм эми эле жанымда эмес беле? - деп каткыра подъездден чыгышса ал сыртта күтүп турган экен, - Айтбек, бул менин курбум, кел таанышып койгула, - деди Айчүрөк аны көрүп.

- Жакшы-жакшы, - Айтбек тайсалдай басып келди.

- Кубанычтуумун, курбумдун жолдошуна таанышканыма, менин атым Гүлкан, бирок көбү Гүлү деп аташат.

- Менин атым Айтбек, Айчүрөктүн сүйүктүүсүмүн, - деди Айтбек да күлгөн болуп, ал Айчүрөккө айтпай жасаган ишинин изи билинип калабы деп чоочуп турду.

- Эң сонун. Айчүрөк, өзүң кайда иштеп жатасың?

- Баягы эле, сүрөт тартам, ошону менен жан багабыз, Айтбек экөөбүз үйлөнгөндөн бери ушул үйдө жашайбыз, үч бөлмө үйүбүз бар, төртүнчү кабатта, - Айчүрөк бежиреп жатты, - Өзүң турмушка чыктыңбы?

- Жакшы экен. Мен турмушка жаңы эле чыктым, буйруса балалуу болобуз, - Гүлү дагы аларга карай бажырая күлдү. Экөө каткырып күлүп көпкө турушту, андан кийин Айчүрөк:

- Баса, эшиктин алдына келсең кир дебей койгонубуз болбойт го. Жүрү, Гүлү, үйдөн даам сызып чык, - деди ага.

- Кой, кеч болуп калды, андан көрө менин телефонумду ал да үйгө конокко келгиле, - деди Гүлү болбой.

- Сөзсүз барабыз, кандай жакшы, сырдаш курбу элек, эми катташабыз, бир шаарда туруп бири-бирибизди көрө албай жүргөнүбүздү карасаң, - Айчүрөк дагы жетине албай жатты.

- Айчүрөк, мен бара берейин, - деди ошол кезде Айтбек, өзүнчө эле уурусу кармалып калчудай чыйпылыктап, - Мейли аяш, иштерим бар эле, мен бара берейин, дагы жолугушабыз, - деп Айтбек Гүлүгө кайрылды.

- Макул аяш, мен Айчүрөк менен бир аз сүйлөшүп анан кетем.

- Бара бер, мен курбумду көрө элегиме канча болду, аз да болсо кобурашалы, - Айчүрөк күйөөсүнө баш ийкеп кете бер деп кошумчалап койду. Айтбек кеткенден кийин Гүлү:

- Айчүрөк, сага жолугуп калганым жакшы болбодубу, мен аябай кысталыш учурга кептелдим, - деп Гүлү курбусуна ички сырын айтмак болгондо ал:

- Кандай кысталыш, айта бер.

- Сен гана мени өткөн өкүнүчтүү да кечирилгис сырымды билчүсүң, ага үчүнчү болуп ким кошулганын билбейм.

- Кандай-кандай? - Айчүрөк түшүнө бербей карады.

- Ошондой курбум, изиме түшүп мени ким сүрөткө тартып жүргөнүн билбейм, эми ошол үчүнчү бирөө мага сүрөттү конвертке салып акча талап кылды, андан кутулдум десем жездеме дагы жөнөтүптүр. Эжем менен Беку укса эмне гана болоорун элестете албайм, эжем Бекуну жездемдин баласы экенин эбак эле билген, бирок менин төрөгөнүмдү билсе эмне болот? - Ыйламсырап ийди.

- Кандай сүрөт, эмне деп эле жатасың? - Айчүрөк ишене албай, же ачык айтып сурай албай заматта: "Айтбек бир балээ кылган жокпу, кечээги акча соо эмес болсо керек", - деп ойлонуп жиберди.

- Жездем экөөбүздү тартып алыптыр, кандай адам экенин билбей башым маң, миллионду бергемин, эми жездемди коркутуп жатыптыр, гезитке беремин деп, - Гүлү болгонун айтты, - Сен гана билчү сырымды кайсы кара ниет кылды экен ыя? - Айласы кете курбусун суроолуу карады.

- Кызык экен, андай болушу мүмкүн эмес эле…

- Өзүм дагы башым жетпей калды.

- Бала чоңоюп калдыбы анан? - Айчүрөк сөздү башкага буруп кетти, өзүн-өзү күнөөлүү сезип турду ичинде.

- Аны менен ишим жок, чоңоюп калды, эжем баланы өзүнүн баласындай көрүп баккан. Айчүрөк, бирок эжем аны күйөөсүнөн экенин билген, бирок кимден экенин билсе кантем? - деди заманасы куурула, - Эгерде билсе дүйнөдө жападан жалгыз калам, каргап өрттөп өлтүрөт го?

- Кам санаба курбум, эгерде жездеңди дагы "давить" этсе милицияга эле айтып таап алабыз, - Айчүрөк сырдын түйүнүн дароо сезип күйөөсүнө жини келип жатты.

- Болбойт, өмүрүңө зыян келет дешти, билдиргенде болбойт, кой анда мен барайын, дагы жолугабыз, - деп Гүлү шашыла баштады.

- Гүлү, мен ошол сүрөттөрдү көрсөм болобу?

- Болот, офистеги суурумада турат.

- Анда мен сени менен барып көрөйүн, офисиңди дагы көрүп алайын, - деп Айчүрөк Гүлү менен кошо басты. Гүлү машинасын токтоочу жайдан алып чыгып Айчүрөктү жанына отургузду да мейманканага келишти, Айчүрөк жолдон токтотуп курбусунун офисин майлаганга напиток, импорт арак, грил, суусундук алып алды. Кабинетине кирип эшикти ичинен илип алышып үстөл үстүн толтуруп, Гүлү шкафтан рюмка менен чайнек алып чыгып чай сайып коюп экөө бет маңдай орун алгандан кийин суурумадан конвертти алып чыгып Айчүрөктүн алдына койду.

- Мына дал ошондогу сүрөттөр, муну кандай адам тартып алып, ушунча жылдан кийин өзүмө дүрмөт кылып атып жатат, билбейм, курбум?

- Кыз-зык, ким болушу мүмкүн? - деген Айчүрөк: "Сени шашпа, үйгө келээрсиң, үйдөн алып чыгып кайрадан жаңырткан экен да, акча тапкычтыгын кара", - деп сүрөттү көпкө айландыра карап кайра койду, - Мен дагы таңгалып турам, курбум. Кел эми сенин ушул куттуу жайыңа кирип жатканыма кубанып отурам, ар дайым бул мейманканаңдан кут кетпей зоболоң көтөрүлүп, ишиң илгерилей берсин, - деп арактан куюп сунду.

- Рахмат курбум, жакшы сөзүңө ыраазымын, биз дагы да курбу-теңтуш бойдон калабыз, мурункудан жакын болобуз, - Экөө алып жиберип грилден алып отурганда Гүлү чай кайнап калды эле өрүк мейиз менен печеньелерди тарелкаларга салып алып келди, - Кел эми чайга карайлы, досум, - Ошол кезде эшикти бирөө тык-тык эттирди, Гүлү шашыла сүрөттү алып конвертке салып суурмага таштап түртүп койду.

- Ким? - деди Гүлү босогодон.

- Мен эле, - Төрөнүн үнү угулду.

- Аа-а кел, сен белең?

- Менден башка ким келмек эле? - Төрө кирип келип Айчүрөктү карап баш ийкеп койду, - Саламатсызбы?

- Саламатчылык.

- Айчүрөк, бул менин жеке ишкерим, сырткы-ички иштер ушунун мойнунда, аты Төрө, - Гүлү Төрөгө кайрылды, - А бул болсо менин студент кездеги курбум, сүрөт окуу жайын бүткөн, - деп тааныштырды.

- Оо курбулар, кездешкениңер үчүн деп бирдин мойнун сындырып жаткансыңар го? - Төрө күлө отуруп жатып тамашалады.

- Отур, сага дагы насип экен.

- Рахмат, нак үстөсүн силер ичкиле, закускөдөн алайын.

- Эмне, сиз буга жоксузбу? - деп сурап койду Айчүрөк.

- Рулдамын да, "выходной" берсе ичмекмин, - деп Төрө ого бетер купшуңдап койду.

- Бүгүн эс ал анда, уруксаат бердим, - деп Гүлү да каткыра жооп берип калды, Төрө бөтөлкөнү колуна алып эки келинге куюп жылдырды.

- Кана эмесе кыздар, денсоолук, ишиңерде ийгилик болсун, жолугушканыңар үчүн алалы! - деди да Төрө алып ийип закускадан алып эки келинге дагы сунду, - Кана кыздар эми алып койгула.

- Рахмат сизге, - Айчүрөк жылмая карады.

- Менин сырымды билип, көңүлүмдү көтөрүп ыйласам бирге ыйлаган курбум ушул, канча жылдан бери көрүшпөй калдык эле, эми көрүшүп жатабыз.

- Ооба десең, бир эле шаарда жүрүп бири-бирибизди көрбөй жүргөнүбүздү кара, - Айчүрөк да күлө карады, ичинен чоң күнөө жасагансып күйөөсүнө жини келип жатты. Көпкө отурушту да, Айчүрөк кетмек болду. Экөө коштошуп Айчүрөк жумушуна келип тез эле үйүнө жөнөдү, ал келгенде Айтбек үйдө экен.

- Кайда бардың? - деди ал.

- Гүлүнүн мейманканасына бардым, - Айчүрөк күйөөсүнүн маңдайына отурду да, - Сен эмне иш кылып жүрөсүң? - деди.

- Эмне кылыптырмын?

- Айтбек, мага бир ооз кеңешпейт белең, уялып өлдүм, сага ошондой эле акча керек болсо айтпайт белең, Гүлүнүн офисин сен кайдан билип алдың?

- Болдучу, билинбеген бойдон калсын эми.

- Жетишет, эми жездесин жайына кой, чалчу болсоң Гүлүдөн угам, анда биз ажырашабыз да сени өзүм кармап берем.

- Эмне, бир аялдын акчасын аяйсыңбы?

- Кеп аялда эмес, кадыр көңүлдө, экинчи укпайын, ушул бойдон ичибизде калсын, - Айчүрөк күйөөсүнө жини келип көп сөздөрдү айтып урушуп жатты, - Кайдагы гезитке бермексиң?

- Аны эмне кыласың, сен сүрөттү тартып катып койсоң ошо да, азыр кызыктуу материалдар менен элдин бүйрүн кызытып "сенсация" кылып койгон жакшы да.

- Бир үйбүлөнү ыдыратуу сенин максатыңбы? Эже-сиңди өмүр бою бет карашпай калышат, эгерде мен тартканымды билсе эмне дейт?

- Билбейт.

- Көп ажыкыстанбачы, токтот мындайыңды, адам болуп туруп адамга жамандык ойлогонуң туура эмес, кесепети тийип жүрбөсүн?

- Макул-макул эми, кам санаба, ушул бойдон унуттук, - деп Айтбек ырсаңдай күлүп калды. Ошентип жубайлар бир чарпышып барып кайра мамыры-жумуру болуп калышты.

Гүлү ар бир тааныштарынан акча сурап эптеп топтоп жатты, бирок жездесине чалып сураса ошол бойдон тынчып калганын айтты, ошондон кийин алардын тынчын эч ким алган жок. Гүлү көңүлү ачылып ишине киришти. Күндө Турдумамбет келип-кеткени болбосо ортолору сууй баштаганы сезилип, убакыт өткөн сайын Гүлүнүн ичи билинип ишин токтотуп ордуна курбусу Айчүрөктү дайындап өзү үйүндө болуп калды. Жашы өткөнгө отуруп-туруусу кыйындап баратты. Турдумамбеттин көңүлү бузулуп Акжаркынды акмалап эки баласына акчаны бермек болуп үйүнө барды, Акжаркын жок эле, Адис атасын көрүп терс бурулуп кетти, Айбийке жүгүрүп барып кучактап калды:

- Ата-ата, мен сени сагындым.

- Алтыным кызым, мен дагы силерди сагындым, апаң кайда?

- Апам бир жакка кеткен.

- Адис, - деп Турдумамбет уулунун артынан басты, - Кел учурашалы.

- Мен сени менен учурашпайм, сен бизди таштап кеткенсиң.

- Уулум, мен сага түшүндүрүп берем, кел эми.

- Кереги жок! - деп Адис басып кетти. Турдумамбет үйгө кирди да акчаны кызына көрсөттү.

- Апаң келгенде бергин, макулбу? Бул көп акча, - деди да суурмага салып Айбийкеге колуна акча берди, - Муну Адис экөөңөр бир нерсе алып жегиле, макулбу?

- Макул, сен кетесиңби, ата?

- Ооба кызым, апаң келгенде телефон чалам.

- Кетпей эле койчу ата, - Айбийке ыйламсырап ийди, - Мага акчанын кереги жок, сен апам экөөңөр эле болосуңар, апамды эмнеге таштап кеттиң?

- Кызым, мен иштеп жүрбөйүнбү, таштаган жокмун, иш бүткөндө келем, жарайбы? - Айбийкени колунан жетелеп эшикке чыгып кучактап өөп анан, - Кызым, Адиске атам келет, жумушу бүткөндө кайтып келет деп айткын ээ? - деди көздөрүнөн өөп.

- Калп айтпайсыңбы ата, чын эле келесиңби?

- Келем, кызым, келем, - деди да жөнөп кетти.

Ал кетээри менен Ысмайыл Акматовичтин машинасы келип токтоп бактылуу жылмайган Акжаркын түштү.

- Кызым, Адис кана, жалгыз калдыңбы?

- Апа, атам келип кө-өп акча берип кетти.

- Качан? - Эмеле жүзүнөн бактынын учкундары жайнап турган келиндин өңү бозоро түштү, анан жанында турган Ысмайылдан тартына, - Жүрүңүз, үйдөн даам сызып кетиңиз, - деди.

- Жок Жакин, башка күнү кирем, - Ысмайыл машинасына отуруп жөнөп кетти: "Демек Акжаркын өз күйөөсүн кыялбайт, тездетишим керек, балким ал кайра келсе кечирип коюшу мүмкүн", - деп ойлонуп кетип жатты.

Акжаркын үйүнө кирип баратканда Адис артынан келди.

- Апа, сиз каякка бардыңыз?

- Иш менен жүрөм, балам.

- Ысмайыл байке сиз менен эмнеге жүрөт?

- Жардам берип жатпайбы балам, сени быйыл окууга киргизем, сен окушуң керек.

- Атам келем деп кетти го?

- Качан келет экен?

- Билбейм, Айкага айтып жатты, мен ага жолуккум келген жок, - деп алдыга кирип баратып айтканда Айбийке:

- Атам ишим бүткөндө келем дебедиби, кө-өп акча алып келди.

- Эмне болгон акча экен? - Аңгыча үйгө кирип келишти.

- Билбейм, апаң келгенде телефон чалам дебедиби атам.

- Чалбай эле койсун, акчасын албай койбойт белең?

- Эмнеге, апа?

- Кереги жок болчу, эми келсе өзүнө бергиле, - Акжаркын жини келе ашканасына кирип балдарына тамак жасамак болду.

- Апа, атам келсе киргизбейсизби? - Адис капысынан суроо узатты.

- Ошого ишенип жатасыңарбы? - деди ачуулуу караган Акжаркын.

- Апа, мына көрдүңбү, мына-мынча акча, - деп Айбийке колуна пакет алып келди, Акжаркын таңгала карап кызынын колунан ала койду.

- Муну кайдан алды ал? - Балдарын карап көзүн алайтты.

- Апа, атам чындап эле иштеп жүргөндүр?

- Ошондо да ушунча тапмак эмес, кудай сакта-а, бул соо эмес, - деди да эшигин илип келип төркү бөлмөгө кирип эми акчаны санаганы жатканда телефон чырылдап калды.

- Атам! - деп Айбийке жетип трубканы ала койду, - Ата, - деп унчукпай калды.

- Ким экен? - Акжаркын жанына келди, - Сүйлөшпөйсүңбү?

- Сени сурап жатат, - деп тултуя трубканы бере койду да ички бөлмөгө кирип кетти.

- Ким?

- Жакин, мен элемин, балдар тынч эле бекен? - деген Ысмайылдын үнү угулду.

- Тынч эле.

- Кабар алайын деп эле чалгамын, күйөөңдүн келгенин угуп кызганып кеттим.

- Койсоңузчу, анын эмнесине…

- Мен сенсиз өзүмдү элестете албай калдым, экөөбүздү кудайым бөлбөсө экен.

- Койсоңузчу, тагдыр, буйрук деген бар, насип кошулбаса аргабыз жок да, баары кудайдан.

- Ошентсе дагы коркуп тез эле баш кошуп алсак деп ойлоп кеттим, азыр эмне кылып жатасың?

- Балдарга тамак жасаганга кам урдум.

- Жаркын.

- Оов.

- Тез эле макулдугуңду берчи.

- Эмнеге?

- Сагынып кеттим.

- Тамашаңыз го?

- Чын сырым.

- Убактыңыз кененби?

- Сен үчүн табылат.

- Анда эс алыңыз.

- Тажадыңбы?

- Жо-ок, балдардын кардын тойгузуум керек го?

- Аа-а туура айтасың, жакшы эс алгыла анда, көрүшкөнчө, жаным.

- Жакшы эс алыңыз.

- Макул-макул, эртеңге чейин.

- Эртеңге чейин, - Акжаркын трубканы коюп бери карады, - Чай кайнадыбы?

- Ооба, - Адис үңүрөйө жер карады, - Апа, ошол киши менен сүйлөшпөй эле койсоңуз.

- Эмнеге, уулум?

- Сиз атамды унуткуңуз келеби? - Акжаркын уулунун сөзүнө таң кала сөз таппай туруп калды, - Атам келем десе жактырбай жатасыз го, неге аны менен сүйлөшөсүз?

- Балам, ал киши бизге жардам берип жатпайбы?

- Бербей эле койсун, ал сизге үйлөнөм деп жаткан го ээ? - деп Адис көздөрүнө жаш толо карады, Акжаркын анын көзүнөн көзүн ала качып ары бурулду.

- Атаң жөнүндө силерге жаман айткым келбейт уулум, бирок ал үйбүлөлүү, чоң апаңдар дагы билет, атаң башка аял алып алган, - деди күңкүлдөй.

- Аял алып алса келем дебейт болчу, көрдүңбү кандай акча таап келгенин, ал биз үчүн иштеп жүрөт.

- Адис, кийин түшүнөсүң, келсе көрөбүз, - деп Акжаркын ачуулана карады.

Айбийке телефондун жанында отуруп уктап калды, балалык сезими атасын телефон чалса дагы сүйлөшүп сагынычын жазмак: "Апаң келгенде чалам дебеди беле, эмнеге чалбай жатат, бир күн жатып кетсе жакшы болмок, шашып кетип калды, мен аны сагындым го, эмне үчүн менин сагынганымды билбейт", - деп ойлонуп жатты. Акжаркын кызын көтөрүп ордуна жаткырды, жазыксыз балдарынын азаптанып жатканына жаны ачыды, колунан келсе күйөөсүн кызылдай сабагысы да келет, кокус көрсө урушуп балдарынын арыз-арманын жеткиргиси келет, бирок Турдумамбет андан өзүн ала качып жолукпады, телефон да чалбады. Адис дагы эч нерсе ичпей жатып алды, өзү бир чыны чай ичти да ордуна келип кызын көпкө тиктеп отурду: "Садагам ай, ушу силерди томсорткан атаңар курусун, кайдагы бир азгырыкка кирип алып аргаң жок жүрсөң керек", - деп ойлуу жанына жатып алды. Эртең менен эрте туруп көпкө балкондо отурду, ой санаасы алда кайда сабалап күйөөсүн эстеген сайын жүрөгү мыжыгып ооруп: "Мен сени сүйөт экенмин Туку, ушунча жыл жашап менин намысымды тебелеп классташыма карап кеткениңе жол болсун? Менин да күнүм өтөт, балдар гана эки бала азап чегип жатпайбы, кантип гана ушуларды кыйдың, неге ойлонуп койбодуң", - деп көз жашын сыгып алды, балкондон чыгып келе жатканда телефон чыр этти эле "ким болду", - деп ойлоп саамга туруп калды.

Тынбай чырылдап жаагын жеген телефон үнү аны аргасыз барып алууга мажбурлады белем, трубканы алып үнсүз туруп калды, ошол кезде тааныш үн кулагына угулуп жүрөгү элеп-желеп болуп кетти, көрсө өзү да анын үнүнө зар туура.

- Ало, Жакин, угуп жатасыңбы?

- Ооба, эмне керек сага?

- Кечир Жакин, мен деле силерден кетейин деген эмесмин, ушундай болуп калды, - Турдумамбет бир азга унчукпай тыңшап калды, - Акчаны керегиңе жарата бер…

- Акчаңдын бизге кереги жок, келип өзүң алып кет.

- Койчу эми Жакин, балдар үчүн атайын бердим, иштедим жанталашып, каалаган кийимдерин алып бер, өзүңө да ал.

- Биз акчага зар эмеспиз, айрыкча Айка сени сурай берип тажатты, мени ойлобосоң-ойлобо, эки баланы томсорттуң, сенин бул кылганың кечирилгис, ушунчадан сага Гүлү жаш кыздай көрүнгөнү кызык, ачык эле айтсаң болот беле? - Акжаркындын үнү буулуга чыкты, - Неге бизди, чырактай балдарыңды ошого алмаштырдың?

- Кечир Жакин, тагдырдын бир татаал жолдорунан адашып калдым, сен түшүнүктүү жансың да, бирок айтчы, балдарды мен алмаштырсам да сен алмаштырбайт чыгаарсың? - Жооп күтүп тыңшаганы дем алганы угулуп турду.

- Мен адам эмесминби, же эч кимге керегим жок жанмынбы?

- Мага өчөшкүң келдиби? Аял деген эркекке теңеле албайт, баары бир аялсыңар да? - Кыжыры келгендей кекете сүйлөдү, - Сен менден өч алам деп ойлобо, эртедир-кечтир мен кайрылып бараарымды унутпа.

- Ким менен сүйлөшүп жатасың таң эрте? - деген үндү кулагы чалды Акжаркындын, Турдумамбет дароо трубканы коюп койду.

- Акмак, телефон менен да кененирээк сүйлөшө албаса көз каранды болуп бүткөн экен, - деп Акжаркын ашканасына кирди. Кыжаалат болуп күндөгү түйшүктөрүн жасап андан кийин уул-кызын ойготуп чайын ортого койду.

- Апа, атам чалдыбы? - деди Адис.

- Ооба.

- Эмне дейт?

- Иштери көп экен балам, ал азыр келе албайт го, бүгүн Дордойго барып экөөңөргө кийим-кече алып берейинби?

- Макул, компьютер алып бербейсизби, апа.

- Жарайт, сагачы, Айка? - Эне балдарын мээримге толгон көздөрүн күлмүңдөтө кайрылды.

- Мага куурчак Барби алып берчи, апа.

- Болуптур, андан кийин чоң энеңерге алып барып келейинби?

- Ур-ре-е! - Айбийке апасын тура калып кучактап өпкүлөп кубанып жатты, Адис дагы кайдыгер эместигин билдирди, тамактанып алышып үчөө Дордойго бара турган унаалар кетчү аялдамага келип көп күтпөй эле жөнөп кетишти. Эки-үч сааттай жүрүп алчусун алышып таксиге отурушту да үйүнө келсе телефону жан алы калбай чырылдап жатыптыр.

- Ало, угуп жатам, - Акжаркын трубканы ала койгондо Ысмайылдын кабатырланган үнү угулду.

- Сага эмне болду, бир сааттан бери чалып жатам.

- Үйдө жок элек.

- Кайда бардыңар?

- Дордойго.

- Аа-а. Жаркын, бир аздан кийин барып калам даяр бол ээ?

- Бүгүн чыга албайм го?

- Эмнеге?

- Иштерим бар, үй тиричилиги.

- Эми койчу жаным, үй тиричилиги кайда качмак эле, бүгүн сени менен өтө сыйлуу конокко барышыбыз керек.

- Кайда, кандай конок?

- Ал азырынча жашыруун боло турсун, кийинип даяр тур! - деп трубканы коюп койду.

- Кызык киши, - деп Акжаркын ойлуу кайра балдарына келип кийим-кечелерин кийгизип көрмөк болду эле Адис компьютерди койгонго ашыкты, бапырашып чексиз бактылуу болуп турганы менен буларга бир нерсе жетпей турду, ар биринин көкүрөгүндө бир гана ой. Акжаркын балдарынын кубанычына жетине албай ирээттеп берип коюп өзүнө алгандарын кийип көрдү, улам бирин кийип көрүп жатып акыры бирин жактырып кийинди, туфлиси андан бетер жарашып калды: "Акыры кайрылып келээримди унутпа деп койгонун кара, ал бирөөнүн койнунда жатса качан келээр экен деп акыйып жаш өмүрүмдү өткөрүп жүрө беришим керек экен да", - деп ойлонуп алды. Калган акчаны сандыгына салып кулпулап коюп түштөнүүгө отурушту. Ошол убакта сырттан машинанын сигналы угулду, Акжаркын бир азга буйдала түштү, Адистен көзүн ала качты.

- Апа, бир жакка барасызбы? - деди Адис сезгендей.

- Ооба балам, силер үйдөн чыкпагыла ээ, мен кечке келип калам, муздаткычта тамак бар, ысытып ичип алгыла, ачка жүрбөгүлө, макулбу?

- Эртерээк эле келиңизчи, апа, - деди Айбийке.

- Эрте эле келем балам, оюнчугуң менен ойной бер, байкең компьютерди ойнойт, жарайбы? - деп кызын өөп коюп Адиске катуу дайындады да үйдөн чыкты.

ЫСМАЙЫЛ аны көрүп түшө калып утурлады:

- Оо Жаркын айым, жакшы эс алдыңызбы?

- Жакшы, өзүңөр кандай?

- Баары жайында, жүрөк гана тынчтыктан кетип дүк-дүк этип согуп турат, - Жылмая колдон ала өөп коюп салондун эшигин ачып жанына отургузду.

- Неге анчалык? - Акжаркын билмексен сурап койду.

- Жаш өткөн кезде жүрөккө жакын адамымды таптым деп жүрсөм колдон жула каччудай сезилип тынчым кетет, Жакин. Мен сени жан дилим менен сүйүп калдым, ушул кезде сүйүү кантип болсун деп өзүмө-өзүм ишене албаганым менен сени ойлосом ойлорум будуң-чаң болуп кетип жатпайбы?

- Койсоңузчу, он сегизде болсоңуз да…

- Азыр сенин жаныңда он беште элемин, - Култуңдай күлүп койду.

- Жакшы.

- Ошентип кубаттап койсоңуз, - деп ого бетер күлдү.

- Кайда бараарыбызды билсем болобу?

- Азыр, өзүм айтып берем, - деп жол жээгине токтотуп койду да, - Менин иним менен келиним, эжем менен кызым сени менен таанышкысы келет, азыр алар бизди үйдө күтүп жатышат, каршы эмессиңби?

- Кызык, мени сынатасыңарбы?

- Эми-и сынабайт дечи, бир көрөлү дешет да.

- Макул, көрсө көрүп сынап-кынап алышсын, бирок…

- Эмне бирок?

- Сиз терең ойлонуп анан чечкениңиз туура болоор, биз жашай алабызбы? Дегеним, тоскоолдук болбос бекен?

- Кандай тоскоолдук болот деп ойлойсуң?

- Мен жактан, сиз жактан дегендей.

- Мен жактан болушу мүмкүн эмес, сени билбейм, - деди Ысмайыл Акматович ойлуу, - Күйөөң келем дедиби?

- Ошондой болуп жатат, балдар дагы каршы болот го, алар эми жаш эмеспи, түшүнбөйт го, ошондуктан азыр кереги жоктур.

- Жаркын, мен сени кыстабайм, бирок көңүл ооруп, жүрөк сыздап калаарын унутпа, сен дегенде баарына даяр болуп турам, кантсе да көңүл калтырышпайлычы, ал эми таанышып коюудан эч нерсе деле болбойт, сен менин коногумсуң да, - деген Ысмайыл Акматович унаасын ордунан жылдырды, - Кеттик анда.

- Жарайт, мен дагы адам көңүлүн калтыргым келбейт.

- Азамат, жаркылдап бир көрүнүп койчу, - деп Ысмайыл ыраазы боло жылмайып чоң жолдо зымырата айдап баратты: "Эмне кылсам экен, жакшы адамды муздатып албасам болду, каратып туруп басып кеткен күйөөм эми келсе кер-мур айтышабыз, жакшы жашай албай калсакчы, ал келген күндө мурдакыдай боло алабызбы", - деп ойлонгон Акжаркын үнсүз баратты. Ысмайыл өзүнчө ойдо: "Күйөөсү кайрылып келсе анда мага буйрубайт экен да, кайдан да жолуктум экен? Көрбөсөм да жүрө бермекмин, көнө түштүм эле, тагдырдын салганына көнбөскө арга барбы", - деп кетип жатты. Заңгыраган эки кабат үйдүн короосунун жанына токтоп Акжаркынды түшүрдү да дарбазадан ээрчише киргенде үйдөн улгайган аял чыга калды. Бул Канымгүл болчу:

- Келгиле айланайын, - деп учурашканда Акжаркын башын ийкей учурашты, - Кир, кире гой ичке.

- Жакшысыздарбы?

- Жакшы айланайын, өзүңөр жакшысыңарбы? - Эшик ачып ичке карай колун жаңсады Канымгүл.

- Кириңиз, сизден кийин, - деди Акжаркын сыпайылык менен.

- Кир эже, сенден мурун бизге жол кайда? - Ысмайыл эжесине карай күлө карады.

- Мени сыйласаңар силерди кудай сыйласын, - деп Канымгүл ичкери кирди, анын артынан алар кире бергенде иниси Кадыркул чыга калды, андан кийин баары чыгып учурашып калышты. Кызы Азиза бир көрүп жактырбаганы менен: "Жапжаш турбайбы, бул атамдын байлыгы үчүн эле тийгени жаткан го, болбосо кантип эле өзүнөн улуу кишиге тийгиси келсин", - деген ойдо анча көңүл бургусу келбеди. Кадыркулдун аялы үстү толо дасторконго чай алып кирип чыныга чай куюп сунду, бир топко дейре үн катпай отурушкан соң сөздү Канымгүл баштады:

- Кай жердин кызы болосуң, кызым?

- Көлдөн болом.

- Ата-энең барбы?

- Жок, экөө тең өтүп кеткен.

- Аттиң, өлүмгө арга жок дечи, бир туугандарың барбы?

- Жок, өзүм жалгызмын.

- Алда-а жараткан ай-яа, бала барбы?

- Эки балам бар.

- Ошонуң жакшы экен, кызым.

- Эже, жаман суракка алдыңыз го? - Кадыркул күлүп калды.

- Ботом сурабай койчу беле?

- Макул эми, - деп тим болду ал. Көп өтпөй тамак келди, Акжаркын тартынып отурду. Ысмайыл кезеги менен баарын тааныштырды, Азиза гана жактырбагандай отурду, Канымгүлгө жагып калды. Көпкө чейин сүйлөшүп отуруп анан Акжаркын кетмек болду эле Ысмайыл өзү кошо турду. Коштошуп сыртка чыкканда терең дем алып алды.

- Эмне болду, Жаркын? - деп Ысмайыл ага кайрылып суроо узатты.

- Эчтеке.

- Чарчадың окшойт, мүмкүн болсо таза абада эс албайлыбы?

- Жо-ок, кеч болуп кетти, үйгө барайынчы.

- Бир аз эс албайлыбы?

- Бүгүнкү күнгө жетет го?

- Болуптур, үйгө кеттик анда, - Ысмайыл унаасын айдап жөнөдү, жүрөгүндө күдүк пайда болуп: "Бул мага жар болуп берээр бекен, оюнда мага көңүлү жок болсо керек, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дегендей өз жайына коеюн. Тагдыр насип кылса көрөөрмүн", - деген ойдо кете берди, жеткенче үн катпай качан кабат үйдүн алдына келгенде гана Акжаркын жарк эте жылмая кайрылды:

- Сиздин туугандарыңыз менен таанышуу мен үчүн чоң бакыт болду го дейм, сизге дагы рахмат, - деди түшүп жатып.

- Жаркын каршылык кылбай барганыңа ыраазымын, сенин ар бир мүнөзүң, кыялың эсимден кетпей туруп алчу болду. Жакшы тур жаным эми, көңүлүң каалагандай болсун, көрүшкөнчө, - деди Ысмайыл колунан бекем кармап коштошуп жатып.

- Жакшы барыңыз, - Акжаркын үйүн көздөй басты, Ысмайыл аны артынан бир аз карап туруп анан жүрүп кетти. Акжаркын эми подъездге кире берээрде Турдумамбет карыдан кармап калды.

- Балдарды таштап коюп кайда жүрөсүң?

- Анда сенин ишиң канча?

- Ээн калбай эле жүргөн экенсиң? - Кекетип кирди.

- Күнөө сенденби же менденби?

- Башты оорутпа, эркек деген басат, кайра келет. Аялсың сен, энелик милдетиңди жөндөп аткарбайсыңбы?

- Ишиң болбосун, мен эркин аялмын, сен таштап кетсең эле эч ким карабайт дедиң беле? Балдарды өзүм карап жатам, сенин эчтекең кеткен жери жок, өзүм багып жатам, - деп Акжаркын колун силкип жиберди, - Кое бер колумду!

- Сен али да менин аялымсың, экинчи чойкоюп машинага түшкөнүңдү көрсөм жакшылык күтпө!

- Сен жолтоо боло албайсың, андан көрө төрөй турган аялыңа бар, балдарды ошого айрыбаштап кетпедиң беле?

- Мен кеткен жокмун.

- Элесиң кетти беле?

- Мен сени сынап жүрөм.

- Жаныңды жебе, мындан ары менин жашоомо киришчү болбо!

- Киришмек тургай тикелей каршымын!

- Ата! - деп ичтен чыга калган Айбийке тепилдеп тепкичтен учуп жүгүрүп келип кучактап калды, - Ата, үйгө кирбейсиңби, эми эч жакка кетпейсиңби? - деп суроо артынан суроо узатып жатты.

- Кийин келем кызым, жумушум бүтө элек.

- Баланын үмүтүн жандырып калп айтпай ачык айтпайсыңбы?

- Келем дедим келем да.

- Ата, урушпачы.

- Урушканым жок кызым, үйгө кире гой, мен барайын, эртең дагы келем ээ? - Турдумамбет кызын өөп жерге түшүрдү, - Бара гой үйгө.

- Кетпей эле койбойсуңбу, ата.

- Барбасам болбойт, кызым.

- Эмнеге?

- Иш көп.

- Эртең барасың да, бүгүн эле калчы, ата, - Айбийке атасын жалооруй карады, - Кетпейсиңби, ата?

- Жүрү, сени ойнотуп келейин, Адис үйдөбү?

- Ооба, чакырып чыгайынбы?

- Мейли чакыр, - Турдумамбет аргасыз туруп калды, Айбийке тыпылдай өйдө карай чыгып кетти.

- Балдардын сезими менен ойной бербе, Адистин сени көргүсү да жок, - деди Акжаркын күйөөсүн жек көрө карап.

- Сен балдарга мени жамандап жатсаң көргүсү келбейт да.

- Мен сен жөнүндө жаман айтсам жакшы го, өздөрү эле сени жек көрүп баратат, кеткениңди билбейт дейсиңби?

- Башты оорутпачы, баары бир атасымын, - Үңүрөйө аялын жаман көзү менен карады. Экөө кер-мур айтышып урушуп подъезде турганда Айбийке кайра келди:

- Ата, Адис байкем барбайм деп койду.

- Мейли, жүрү сен.

- Ооба барам сени менен, - деп Айбийке атасынын колунан бекем кармап алды. Акжаркын үндөбөдү, кызын таарынтып алгысы келген жок, сагынганы аз болсо да тарап калсын деген ойдо тим коюп кирип кетти.

Турдумамбет кызын колдон ала жетелеп алып паркты көздөй бармак болду эле, анын артынан акмалап келген Гүлү алдынан чыкты:

- Эмне кылып жүрөсүң?

- Кызыма келдим.

- Кызыңабы же аялыңды кыялбай жатасыңбы?

- Анын кереги эмне, балдарыма жолугууга каршы болбо.

- Балдарыңды шылтоолоп аялыңды кызганып жаткансың го. Аның бир фирманын президентинин көрөөр көзүнө айланган, андан көрө көчүгүңдү кысып жүрсөңчү, ара жолдо калып жүрбө! - деп Гүлү булкулдап жатканда Айбийке таңгала:

- Сиз кимсиз, атамды эмнеге урушасыз? - деди.

- Атаңдыбы, атаң өзү ошого ылайык! - деп ары басып баратканда чыгып келе жаткан Акжаркын угуп калды.

- Андай экен, азгырбай өз жайына койбойт белең, үйдү бузуп эр кылам дегенден кийин акырына чыда, чыдабасаң сүйлөбө!

- Эриңди коруганды эми үйрөндүңбү?

- Эми да корубайм, эгерде кор кылып жаман айтсаң коруганга күчүм жетет, балдарымдын атасын жер каратпайм!

- Тигиниңди эмне кыласың? - Гүлү табалагандай кытмырлана карады Акжаркынды.

- Ал менин тийип алган эрим эмес, сенчилеп адегенде эле койнуна кирип түйүлдүк түйүп алгыдай. Сени чын дилимден курбум деп жүрсөм кылганың ушулбу, өзүңдүн жарың болбосо бирөөнүн жары аманат дегенди билесиңби?

- Оозуңа карап сүйлө!

- Оозума карагыдай экөөңдүн алдыңарда күнөөлүү эмесмин, кызыл тилди сүйлөсүн деп берген, закондуу түрдө менин эрим, сенин ойноштон айрымаң кайсы?

- Никебиз бар, азыр ал менин эрим.

- Айка, кел кызым, сөз эмес сөздү тыңшагыча үйгө киребиз, келе гой. Атаң кийин келгенде ойнотот ээ? - Акжаркын кызын колдон алып жетелегенде бала неме үндөбөй жөнөп берди.

Турдумамбет Гүлүнүн алдына түшүп басып кетти.

Акжаркын үйгө кирип туталана отуруп калды.

- Апа, атам эмнеге кетип калды?

- Кетет да кызым, ал аялы менен кетпедиби, ал келсе эми сүйлөшпөй эле койчу, силерди өзүм ойнотуп келем, - деп кызын сооротуп жатты.

- Экинчи келбесинчи, телефон дагы чалбасын, - деп Адис үңүрөйө карады, - Эми көрсөм келгис кылам.

- Кой антпе, ал силердин атаңар да, уулум.

- Ата болбой эле койсун, - деп Адис сыртка чыгып кетти, ал жана Гүлүнүн сүйлөгөндөрүн терезеден көрүп калган, ошого жини келип жаткан эле. Акжаркындын ичи ачышып кайра Турдумамбетке жаны ачып жатты: "Байкуш, чалынып алып чыга албай калган тура, аялдын баары мен эмес да, өз убалың өзүңө", - деп өз ишине киришти. Эртең мененки чайын ичкен соң уул-кызын ээрчитип алып сыртка чыкты, Адис балдар менен ойноп кетти, Айбийкени ээрчитип алып жакын турган паркка барып отуруп эс алгысы келди, жаш балдардын күлкүсү, чурулдаган үндөрү адамдын жарпын жазып эңшерилип турган жандүйнөсү эргий түштү.

- Апа, ойной берейинби? - деди Айбийке эркелей.

- Ойноп кел кызым, мен отуруп турам ээ?

- Маку-ул, - деп Айбийке жүгүрүп кетти.

- Чиркин, жашоонун алды ушундай дагы бүдөмүк табышмак болот экен да, деги канткенде санаам ордуна келээр экен", - деп үшкүрүнүп алды. Көптө барып анан кайра тартышты. Айбийке ошондон тартып атасын сурабай калды. Балалык оюнда: "Эмнеге аялы деди апам, эмнеге аял алып алат?", - деп түшүнө албай жүрө берди. Эки-үч күндөн кийин Акжаркын балдарын кайненесиникине алып барып таштап келди, Айымбү неберелерин кубана тосуп алды:

- Ээк, бузукунун үйү гана күйсүнчү, ушу силерди таштап кеткенин карабайсыңбы! Акжаркын атына жарашып жаркылдаган эле келин, көчүнөн айныды да курган балам, - деп наалып да алды.

- Апа, балдар деле өз күнүн көрөт, бир жумада кайра алып кетем, - деди Акжаркын.

- Ботом, окуу башталганча жүрө берсин.

- Ишим бүткөндөн кийин жалгыз калам да.

- Мейли кагылайын, өзүң бил, - деп койду Айымбү.

- Жакшы туруңуз, апа, - деп Акжаркын кайра эле жөнөдү, ошол эле күнү ага Ысмайыл келди, эми үйгө кирип диванга эс алмак болуп жамбаштай калган, каалганын коңгуроосу кагылып чыга калды: "Туку келдиби", - деп ача койсо колуна бажырайган гүлдү көтөрүп Ысмайыл жылмайып турат.

- Кандай, сулуу кыз?

- Жакшы, келиңиз.

- Келип калдык, кирсек болобу?

- Болот, кириңиз, - эшикти чоң ачып жол бошото берди.

- Рахмат, бул гүл сизге, ар дайым кызыл гүлдөй ачылып жүрө бериңиз.

- Сизге чо-оң рахмат.

- Эч нерсе эмес, - Ысмайыл үйгө кирип ичин көңүл бура карап ички бөлмөгө кирди.

- Отуруңуз.

- Балдар кайда кеткен?

- Чоң энеси алып кетти.

- Эмнеге?

- Жүрүп келсин дейт, - Акжаркын өзү жеткиргенин айткысы келбеди, - Сагынышса керек.

- Аа-а, ошондой көрүнбөгөнү.

- Ооба, каникулда эс алышсын, - деген Акжаркын ашканасына кирип чай койду, анан тамак жасаганга киришти, ал көпкө кармалганга Ысмайыл чыгып келди.

- Оо, домашный тамак жасаганы жатасыңбы?

- Ооба, отура турсаңыз жакшы болот эле? - Акжаркын ыңгайсыздана карады, - Кечиресиз шарт ушундай.

- Жо-жо-ок, тамак жасаганга убара болбо Жаркыным, ресторандан эле ичебиз, эч кам санаба, кеттик, - деп Ысмайыл аны артынан аста кучактады эле келиндин денеси дирт этип алды, көптөн бери эркектин колу тийбегенге чоочуркай түшүптүр. Андан да жыты мурун жарып көңүлү тумандап кетти, - Жакин, мага өмүрлүк жар болчу?! - деп желкесинен тартып мойнуна чейин шыбырай өөп кирди, - Макул дечи, жан эркем.

- Уят го, анчалык шашпаңыз…

- Качан жооп бересиң, Жакин?

- Чыдай туруңузчу.

- Кантип, жыпар жыттуу жаш дене жанымда турганда кантип чыдайм, мен деле тирүү жанмын го?

- Бир аз чыдай туруңуз, - деген Акжаркын андан боюн ала качпастан ыктай көзүн жумду, - Өз сааты келет.

- Ырысым, мен сенсиз жашай албай калдым.

- Мындай жомокту далай аялга айткандырсыз?

- Жок-жок, аялым өлгөндөн бери бир дагы аялдарга сөз айтып жанашкан эмесмин, иштен колум бошочу эмес, фирманы өстүрүү үчүн күнү-түнү иштөөгө туура келди, эми болсо шүгүр, жолго түшүп калдык, - деп келиндин маңдайына келди, - Сени көргөндөн жан дүйнөмө бүлүк түштү, күнү-түнү жанымда эле болсо дейм, бирок убакыт созулуп эле баратат.

- Менин шартым жок да.

- Шартты экөөбүз табабыз да, ардагым.

- Ошентсе да ылайыгы келсин, күйөөмдүн кеткенине жок дегенде жыл айланбай кетип калсам эмне болот?

- Мейли эми, жылдап күт десең дагы күтөм, жүрү кеттик, - деп келинди колдон ала ээликкен жаш жигиттей сыртка жөнөдү, - Кеч кирип баратат, карын кампайталы.

- Үйдөн эле жасасам жакшы болмок, - Акжаркын Ысмайылдын жетегинен чыга албай баратып айтты. Ой боюна койбой сыртка чыгышты, эшикти бекитип машинага отуруп жөнөштү. Ошол кезде дагы Турдумамбет келип калды машинаны токтотуп.

- Балдар кайда? - деди Акжаркынга орой.

- Апамдарга кетти.

- Сен каякка барасың?

- Эмне кыласың мени?

- Сен менин аялымсың, кайда барасың дейм?

- Ойноп келем, - деди Акжаркын тикирейе.

- Мына сага оюн! - Турдумамбет келинди жаакка чаап жиберди, - Өзүңдү-өзүң билип калдыңбы, ыя?

- Аа-ай! - деп Акжаркын бетин басып калды.

- Жигит, уят барбы сенде? - Ысмайыл тигинин дагы көтөрүп келе жаткан колун кармап калды, - Аялды көчөдөн урбайт, үйдөн уруш керек, күнөөсү болсо.

- Ортого түшпө, өз аялымды эмне кылсам өзүм билем.

- Эч качан өзүң билбейсиң, жооп берип каласың.

- Сагабы? - Экөө тикелеше калды, - Күнөөсү башынан ашты!

- Сотко жооп бересиң, түз милицияга алып барамын азыр, андай кызгансаң таштап кетмек белең? - деди да ордуна отуруп катуу айдап жүрүп кетти, Турдумамбет артынан бир-эки кадам басып кала берди. Акжаркын ыйлап, бир аз узагандан кийин эле:

- Токтотоңуз, мен калып калайын, - деди.

- Эмнеге, ал сени өлтүрүп салбайбы?

- Баары бир тынчтык бербейт.

- Көрөбүз, сени сот аркылуу ажыраштырып коем, - деп Ысмайыл токтотпой кетип калды.

Турдумамбет өчөшүп калды, ал күнү Ысмайыл аны өз үйүнө алып кетип калды. Ошол күнү алар бирге болушту, Акжаркын тагдырына көнүүгө аргасыз болду, эми ал чечкиндүүлүк кылып Ысмайылга баш кошууга макулдугун берди. Ысмайыл кубанганынан ага нике шакегин такты. Алардын бир сөзгө келгенин уккан Назым менен Бектур ресторанга чакырышты, кантсе дагы Бектурдун шефи эмеспи, сыйлаганга ылайык деп ойлошуп озуна коноктошту.

- Ысмайыл Акматович, сизге денсоолук, иштеги ийгиликтер менен бирге Акжаркын экөөңүздөрдүн тагдыр жолуңуздар биригип бактылуу, бакыбат өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайбыз, - деди Бектур шефине жагалдана, - Акжаркын жакшы келин, сизге ар тараптан өбөк-жөлөк болсун.

- Рахма-ат Бектур иним, сенин айтканың туура чыкты, көңүлгө эле эмес жүрөккө дагы жакты, - Ысмайыл карсылдай күлдү, - Акжаркынга жолуктурган сага ыраазымын.

- Ошондо эле айтпадым беле сизге жагат деп.

- Ооба-ооба, мен ишенген эмес элем, - дегенде Назым менен Акжаркын таңгала бири-бирин карап туруп калышты. Анткени Ысмайыл менен Бектурдун сөзүн билбейт эле. Акжаркын жөнүндө Бектур айтып жеке уборщица кылып алууну ойлоп табышкан: бир жагы келинди көрүү болчу, бир жагы эгерде жакпай калса башка иш бермек болгон. Ошондуктан үч күн иштетип көрүп эле андан кийин үйүнө жөнөтүп жиберип экөө сүйлөшүшкөн. Акжаркынды жактырып калганын айтканда Бектур аялына четин чыгарган, ошону үчүн Назым Акжаркынга өткөндө айткан болчу. Эми экөөнүн сырдуу сүйлөгөнү аларга бүдөмүк бойдон калды.

- Акжаркын, мен сенин бактылуу болушуңа тилектешмин, - деди Назым винону көтөрө, - Ылайым агай экөөңөрдүн кармашкан колуңар эч качан ажырабасын.

- Рахмат курбум, айтканың келсин.

- Акжаркынды кыскартып эле Жаркын деп алдым, туурабы, Беке?

- Эң туура, биз деле көбүнчө Жаркын дейбиз, - деди Назым, - Эң башкысы аман болуңуздар.

- Рахмат карындашым, көңүлгө жагымдуу сөз айткан кандай жакшы, өмүрүмдө эки аялды карадым, бирин балдарымдын энеси катары, бирин өз жүрөгүм менен берилип сүйдүм, ушул жашымда сүйдүм десем силерге күлкү болоор, бирок он сегиз жашар жигиттин жүрөгү менен сүйүп, элүү беш жаштагы адамдын көзү менен жашаганым эле не деген кубанаарлык сөз, - деп Ысмайыл Акматович айланта карады аларды, - Мен азыр бактынын кайыгында калкып ушул керемет дүйнөнүн кызыгына батып жүргөн кезим.

- Тилегиңиз кабыл болсун Ысмайыл Акматович, ишиңиз илгерилеп, итиңер чөп жей берсин, - Бектур шыпылдай бөйрөктүү чет элдик винодон рюмкаларга куюп алдыларына койду, - Мындайда бир аз ичип койбосо болбойт, сиздер адашып, бири-бириңиздерди таппай издешип жүргөн жан экенсиздер да, кандай гана жарашып калдыңыздар.

- Ашыра мактап жибердиңер Бектур, балким биз алдыны көрө билсек мындай сөздөрдү айталбас белек? - деп жылмайган болду Акжаркын.

- Колго тийген коенду кое берген оңобу, - деген тура илгери, ала качып эле отургузуп койсок болот да, - деп күлдү Ысмайыл.

- Ооба десеңиз, Жаркын өтө ак жүрөк, кичипейил неме, балким уялып отургандыр, мактоого татый турган курбум бар, - деп шыпылдады Назым. Түнкү бирге чейин отурушуп ресторан жабылаарда чыгышты. Коштошуп Бектур аялы экөө өздөрүнчө жолго түштү, Ысмайыл Акжаркынды өз үйүнө алып кетти, ошентип алар бир бүтүнгө айланып, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, жашоо кемесин бирге айдамакка бел байлашты, бирок аларды турмуштун табышмактуу тагдыры кандай азап менен байлаарын сезбеди. Акжаркын өзүнчө кыжаалат болуп жатты. Чынында эле аларды тоскоолдуктар күтүп турган болчу. Эки жумадан кийин Акжаркын балдарын алып келүүгө барса алар болбой коюшту, ал тургай айылда биротоло калабыз деп айтканда Айымбү:

- Балам тим кой, биерде жүрө беришсин, ботом өз балдарым го, бөтөн эмес, - деди.

- Апа, мен жалгыз калбайынбы?

- Сен иште балам, иштеп алаксыбасаң күн өтөбү?

- Ма-акул анда апа, кийим-кечесин алып келип берейин ээ? - деди көңүлүндө туура көрүп.

- Ошент айланайын, куйругуң менен кум сайып, жигит көрсө ырсайып дегендей өзүңдү кара, Туку өзү жаңылды балам, өзүң жашсың, сени ким гана карабасын, - деп күлүп башын ийкей жүзүнөн сылай далыга таптады, - Бара гой айланайын, өз бактыңды сынап көр.

- Коюңузчу апа, кереги жок, иштеп өз күнүмдү көрөм да, балдарга келип турам, балким окууга бараарда өздөрү кеткиси келсе алып кетем, - деди да Акжаркын кайненесин өөп коюп жолго түштү. Жол бою ар кайсыны ойлонуп келе жатты, ырасында алардын чоң энесинде калганын туура көрдү. Келип-кетип турат, турмуш жолу оңой болоорун ким билет, канткен менен Ысмайыл жакшы адам экени чындык…

Гүлү айы-күнүнө жетип отуруп тура албай зорго жүрсө да Турдумамбетти карыш чыгарбай аңдып турат, врачка барса да кошуп алат, чырт этме кыялы тез-тез кармап заматта булкулдап кирет. Бүгүн дагы таң атпай жинденип жатты.

- Сен менден оңой кетемин деп ойлобо, алардай эле баланы мен да төрөп берем, Акжаркынга караганда дөөлөттүүмүн, колумда баары бар, сулуулугум деле андан кем эмес.

- Болду, болбогонду сүйлөп жинди кыла турган болдуң.

- Эмне, тиги катының сүйлөчү эмес беле, же аны катуу сүйгөндүгүңдөн анын күнөөсүн сезбей жүрдүңбү? Анда эле көкүрөк-көөдөнүң сокур жан экенсиң да, - Мазактай күлүп жатып ичин кармап бакырып жиберди, - Аа-ай!

- Эмне болду? - Турдумамбет тура калды.

- Ичим, толгоо башталды окшойт, - деп Гүлү ыйлай баштады.

- Төрөтканага алып барайынбы?

- Ооба, машинаны от алдыр.

- Азыр, - Турдумамбет эшикке чыгып машинаны от алдырып кайра кирди, Гүлү ичин басып чыдай албай жаткан эле, эптеп алып чыгып машинага отургузду да дарбазадан чыкты. Гүлү жетип эле жарым саатка жетпей уул төрөдү, бирок бала алсыз төрөлдү, суу көп кетип абдан кыйналды, баланы колго бербей айына жетпей төрөлгөндөргө кошуп койду. Турдумамбет тез-тез келип кабар алып турду, Гүлү ордунан тура албай үч күн дегенде зорго өйдө болуп баласын акырын басып көрүп кубанычтан ыйлап ийди:

- Уулум, кагылайын, ордумду басаар кубатым, - деп күлүп да ыйлап карап турганда Турдумамбет жанына келди:

- Өзүңдү карасаң боло, бала жакшы эле го?

- Биринчи балалуу болушум, көзүм тойгончо карап алайын.

- Койсоңчу, аман болсо жаныңда болот да, кыйналбай элесиңби? - Турдумамбет аны кучактап чекесинен өптү, - Эми тынч жатып жакшылап дарылан, сага эми төрөгөнгө болбойт экен, - деди.

- Эмнеге?

- Ошондой деди, өзүң дагы сурайсың го, эми жат, - Колтуктап палатасына киргизди, - Көп ойлонбой тамагыңды ичип ал.

- Эмне мени ошончолук эле "серьезный" оорулуу дештиби?

- Жок дейм, жакшылап дарыланасың, анан балабызды алып үйгө барабыз, эч кам санаба, - деп Турдумамбет алып келген тамагынан тарелкага куюп колуна карматты, - Ысык-ысык ичип ал.

- Макул, сен үйдө эле болуп жатасыңбы?

- Ооба, кайда бармак элем?

- Балдарыңа барган жоксуңбу?

- Алар апамда, бирдемени ойлой бербе, арам ойду мээңден алыс карма, мен эми сени менен эле калам, бул ойду кайра кайталай бербе макулбу, мен кеттим, эртең келем, - Өөп койду.

- Барсаң бар, - деп Гүлү алсыз аны узата карап отуруп калганда босогого жете берип артына бурулду, колун көтөрө жылмая чыгып кетти. Гүлүнүн төрөгөндөн кийинки абалы өтө начар эле, жүрөгүндө бар дешти врачтар, каны да абдан аз болуп күн өткөн сайын көтөрүлбөй эле ылдыйлап бара-бара тамак иче албай, ордунан тура да албай калды. Адегенде баласын чыгарды эле Турдумамбет баланы кайда алып бараарын билбей башы катты:

- Туку, атамдарга бирөөдөн айттырып жибер, - деди Гүлү, - Ушунуңа дагы рахмат, кудай алдында күнөөлүү болуп кетип баратам, - Үнү буулуга алсыз чыкты.

- Гүлү, жаман ойду ойлобочу, мен апамдарга дагы айтып ийдим, баары келип калышат.

- Туку, мен сени өзүмдүк кылып алам деп канча аракет кылдым, кудайга шүгүр артымда өзүм сүйгөн адамдан туяк калды, сен билген Беку экөөбүз балким тиги дүйнөдө эле эне бала болбосок эне катары жүзүнөн өппөй, мээримимди төгө албай калдым, - Гүлү алсыз үшкүрүп алды, - Андан көрө айтчы, уулумдун атын ким коебуз, көкүрөгүмө бек сактап алайын, - Көкүрөгүн кере дем алып оор улутунуп ийди. Анын бул улутунушунда толгон арман, азап кайгы жаткан эле, анын аткарылбаган көп максаттары калды, ич түтөгөн арманын азыр төгө алчудай дарманы жок, көздөрүн жумуп жатып калды.

- Гүлү, мен эртерээк апамдарга киши жөнөтөйүн да кайра келейин, баланын ал-абалы жакшы, атын атамдар келгенде өздөрү ойлонушаар, - деди да Турдумамбет эшикке жөнөдү.

Айымбү кудагыйы Чачыкей болуп эртеси жетип келишти, ыйлап-сыктаган Чачыкей маңдайында отурду.

- Кагылайын ай, эмне болуп кетти деги?

- Апа ыйлаба, мага төрөөгө болбойт тура, көрүнүп жүргөнүмдө алдыр дегенге болгон эмесмин, өкүнбөйм. Антпе, баламды атам экөөңөр багып алгыла.

- Каралдым, доктурларга атаң келсе сүйлөшөт, кабатыр болбо, сени айыктырып алабыз, - деп алсыздыгынан тердеп турган кызынын чекесин сүртүп колдорунан кармалады.

- Апа, эжемди чакырткылачы, - деди Гүлү алсыз.

- Макул кызым, биз баланы алып үйгө баралы. Дамира дагы келген, ал баланы үйдө карасын, Тумар менен Шакирди да чакыртам, тааныш доктурларга сүйлөшсүн.

- Кудагый, мен жанында болоюн, силер үйгө бара бергиле, - деди Айымбү Чачыкейге.

- Ооба, сен мында боло тур, мен баланы үйгө алып барып ырымдап анан эртең келейин, - Чачыкей наристени көтөртүп алып Гүлүнүн заңгыраган үйүнө келишти, - Курган кызым ай, ушинтип баарын жасап койду эле, жакшы болуп үзүрүн көрсө экен, садагам, - деп кирип келе жатып көз жашын аарчып алды.

- Камтама болбоңуз, Гүлү сакайып кетет, - Турдумамбет үлдүрөй ушуну араң айтып колундагы бышылдап али көзүн ача элек, ууз эмбеген наристени карап коюп үйгө алып кирди. Бул турмушуң адам баласына денсоолугуң барда таттуу да шаттуу, жан кейип турганда дүйнө бир көз ирмемге дагы үлгүртпөй калат го? Гүлү жүрөгүнөн ооруганын өзү билчү эмес, гинекологго көрүнгөнү келгенде гана билди: "Төрөй албайсыз, ушундайда алдырыңыз", - деген аны Владимир Александрович деген эркек гинеколог. Бирок ага көнбөдү, ошондон баштап кыйналса дагы төрөп алам деген үмүт менен көрүнбөй койгонуна азыр ичтен өкүнүп жатты. Бирок анын эң өкүнүчтүү арманы Токтобай жездесинен төрөгөн бала эле, Турдумамбетке жолукканча ошол Бексултанды көрүү үчүн тез-тез барып турчу, бирок бир жолу дагы энелик көз менен карай албаган. Эң акыркы жолку барышында Айкан эжеси ага сыр кылып минткени кулагынан кетпеди.

- Гүлү, ушу Беку жездеңдин эле баласы окшойт. Аттиң, көзүмдүн тирүүсүндө ким төрөгөнүн билип калсам…

- Койчу эже, кантип эле жездемден төрөлсүн, аны кайдан билдиңиз? - деди кызыктай болуп кеткен Гүлү.

- Бекуну карасаң, оозу мурдунан түшө калгандай жездеңе окшош, турган турпаты, сүйлөгөнү, кыймыл-аракети бүт окшош. Анан кээде жээрип ичимден жаман көрүп кетем, кандай гана аял төрөдү экен деп, ымыркайынан бакканга эле ичим түтпөй кетет, - деп эжесинин баланы карап ойлуу айтканы эчен ирээт көзүнө келип азыр дагы ошону эстеп жүрөк башы сайгылашып кетти: "Эгерде Беку өзүн башка аял төрөгөнүн билсе кантээр экен, өзүмдүн арманымды ичке катып жүрүп өткөнүм өз келгенсип балам да армандап, өзүн төрөгөн аялдын ким экенин билбей жүрүп өтөт го", - деп сыздап жатты. Ошол кезде көзүнүн жашы кулагы ылдый кулап жатты. Аны көргөн Айымбү:

- Айланайын, кудайдан денсоолук тиле, сакайып кетсең бул күн бат эле унутулат, - деп марли менен көз жашын аарчыды.

- Кайда-ан? - деп шыбырай сүйлөдү Гүлү, - Кайрылбай калдым го?!

- Ок, антпе балам, жакшылыкты ойлосоң, - деди эле Гүлү жооп кылбады, мелтиреп жата берди. Сестра келип кечки укол дарыларын берип кайра кетти, кечинде Турдумамбет келип Гүлүнүн жанына отурду.

- Апа, сиз бара бериңиз, түндө өзүм карайм.

- Туку, - деди Гүлү көзүн ачып, - Баланы мага алып келчи, жыттап-жыттап алайын.

- Макул, эртең алып келейин.

- Атын койдуңарбы, ким деп жаздырдыңар?

- Кутберди деп койду апам.

- Жакшы ат тура, мага алып келчи ээ, жыттап моокумду кандырып алайын, - Көңүлү көтөрүлө жылмая сүйлөдү.

- Эртең алып келем, кардың токпу?

- Эч нерсе жүрөгүмө барбайт.

- Эчтеке ичпесең кантип болсун, азыр кайнатма алып келдим, азыраак ичип ал, - Өнтөлөй эңкейе сурады.

- Жо-ок Туку, кете турган кишиге тамактын кереги эмне? - Башын ары буруп кетти.

- Гүлү, антпечи жаным, болоор-болбос ооруга алдырбасаң.

- Макул…

- Мына муну ичип алчы.

- Мейли, - деди да эки кашык ууртап да кайра берди.

- Ичип алсаң боло.

- Жок, - деп башын чайкады.

- Мейли, эс ал, - деп Турдумамбет сыртка чыгып кетти.

Сыртка чыгып көпкө чылым чегип басып жүрдү: "Да-а, жашоо кызы-ык, үйбүлөмдү бир аял деп таштап чыга бердим эле, эми кандай жашоо болот? Ортодо бир бала жетимсиреп кала турган болду. Аман-эсен чоңойсо Жаркынды көндүрөм да колго алып алам, ал тигиге тийип кетсе канттим? Мени кечирбейт да чыгаар, көңүлү калды го", - деп турса Айчүрөк менен Айтбек көрүндү, алар жете келип учурашкандан кийин:

- Гүлкан кандай, жакшы болуп калдыбы? - деди Айчүрөк.

- Кудайдын колундабыз да аяш, кирип өзүңөр көргүлө.

- Туура-туура, - Айтбек башын ийкегиледи. Аңгыча палатага кирип келишти:

- Кандай Гүлкан, жакшы болуп калдыңбы? - Айчүрөк өөп жанына жакын отурду, - Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы, досум?

- Жакшы, - Башын ийкей жылмайды, өңдөн азып арыктай түшкөнгө жүзү субагай тартып кан-сөлү жок эле.

- Кандай аяш? - Айтбек да ал-акыбал сураган болду. Алар көпкө отуруп андан кийин Айтбек менен Турдумамбет экөө эшикке чыгып кетти эле, Гүлү башын көтөрүп:

- Айчүрөк, мен күнөөлүү болуп кетип жатам, бир үйбүлөнү буздум, бейкүнөө баланы жетим калтырдым. Арманым, өз эжемдин алдында тоодой күнөөлүүмүн… - деди акырын шыбырай.

- Койчу Гүлкан, сен сакайып кетесиң, - Айчүрөк ыйлагысы келип өзүн зорго кармап айтты муну, - Көрөсүң го, сакайып кетесиң.

- Көңүл улоонун кереги эмне Айчүрөк, менин ичээр суум аз калды, ичимде арман өзүм менен айтылбай кетип жатат, - деп муңкана үнү буулугуп ыйламак болуп ыйлай албай тиштенип калды, колун көтөрүп көз жашын аарчыйын деп аарчый албай колун көтөрө албай, денеси салдай оор болуп турду.

- Койчу, Гүлү, - деп Айчүрөк палатадан чыгып кетти, коридордо турушкан Айтбектер аны көрүп жетип келишти.

- Эмне болду, Айчүрөк? - Айтбек сурап жиберди. Турдумамбет болсо жүгүрүп палатага кирди, Гүлүнүн акыбалын көрүп унчукпай жанында отурду, бир аздан кийин кетишти, Турдумамбет түнү бою жанында отуруп үргүлөп таң атаарда онтогон үндөн ойгонуп кетти. Гүлүнүн денеси от менен жалын болуп ысып чыдай албай чабалактап жатыптыр.

- Гүлү, Гүлү, эмне болду? - деп карысынан силксе дагы болбой чабалактап жатканда сестраны чакырып келди, укол сайгандан кийин тынчып уктап калды, Турдумамбет жанында карап отурганда Чачыкей менен Айымбү келип калды:

- Жакшы уктадыбы? - Чачыкей күйөө баласынан сурады.

- Эти ысып укол алгандан кийин эс алды, мен баланы алып келейинчи.

- Эмне кыласың аны? - Айымбү уулун карады.

- Гүлү көрөм деп жатат, - деп Турдумамбет чыгып кетти. Ал кетээри менен ойгонгон Гүлү баласын кайра-кайра сурай берди, Чачыкей терин аарчып ыйлап жатты:

- Каралдым ай, кандай ооруга чалдыктың деги, сакайып кетсең болот эле го, чымындай жаның аман болсо болду эле… - Турдумамбет баланы көтөрүп кирди, Гүлү эч нерсе билбей уктап жаткан, - Каралдым ай!

- Апа, эмне болду деги, жаман жорук баштабаңыз.

- Анан эмне кылабыз балам, кыйналганын көрүп туруп көөнүм чыдабай жатпайбы? - Эшик ачылып Айкан менен Токтобай кирди. Аларды көрдү да Чачыкей ого бетер ыйлап кирди, алардан кийин атасы Султан кирди, үрпөйүп баары Гүлүнү тегеректеп турганда көзүн ачты:

- Балам, балам кана? - деди эле баары үйрүлө калды.

- Кызым, акыбалың жакшыбы?

- Гүлү, кандайсың? - дешип баары жабыла сурашты. Бирок Гүлү жооп берүүгө акыбалы келбей эле баласын сурай бергенде Турдумамбет баланы колуна алып барды, ал наристени кучактап көзүн жумду, оозуна алып барып өпмөк болду эле колу шалак дей түштү, Турдумамбет баланы ала койду. Жанындагылар аны баса калып чурулдап жиберди, врачтар келип кеч болуп калганын айтып бетин жаап койду...

Ошентип Гүлүнүн сөөгүн ошол күнү түштөн кийин алып кетишти, бир туугандары ыйлап-сыктап, ата-энеси кайгырып жерге беришти. Үйүндө Турдумамбет менен бойдок иниси калды. Турдумамбет кайнежелери кеткенче отун жарып келип кеткендер куран окутуп чыгалбай жатты. Үйүнө барганга да колу бошобойт. Он-он беш күн болуп калганда балдарына бармак болуп чыкты, ал үйүнө келгенде Акжаркын кийинип эми чыгып келе жаткан, ал Гүлүнүн өлгөнүн уккан эмес.

- Кайда жөнөдүң?

- Жумушка.

- Кайдагы жумуш?

- Сторож болуп иштеп жатам, - деп эшикти жаап чыга берди.

- Жаркын, сүйлөшүшүбүз керек.

- Эмнени? - Ачуулуу көз карашы Турдумамбетти жалтантып жиберди.

- Уксаң эми, жаңылбас жаак болбойт деген бар го, мен жаңылдым.

- Эми аны баласы менен таштагың келип жатабы? Жетишет сенин кылыгың, эркекмин деп аякка, биякка балдардын убалына карабай жүрө бергиң келеби? Эсиң барда этегиңди жый, өз үйүңө бар! - деп жиндене булкунуп басып баратканда Турдумамбет аны карыдан кармап калды.

- Эми менин үйбүлөм жок, Гүлүнү ээсине тапшырдык. Бала ошол жакта калат, менин үйбүлөм силерсиңер! - деп акырын келиндин көздөрүнө тике карап айтканда Акжаркын бир саамга аны карап калды да:

- Эмне дедиң? - деди зорго.

- Ошондой, Гүлү өлдү, мен кайра сага келдим.

- Эмне болуп? - Акжаркын эмне дээрин билбей калды.

- Кудайга керек экен.

- Жаман болуптур, - Ойлуу туруп анан, - Туку, мен оюнчугуң эмесмин, каалаганда басып кетип, кайра келе бергидей, мен сени кечире албайм. Өлгөн адамдын артынан жамандоого оозум барбайт, бирок мени сенин айыңдан кордогону эсимде.

- Эмне деп?

- Кереги жок, мен сага арызданбайм, бирок эми менин жолумду тосчу болбо, анткени менин сени көрөйүн деген көзүм жок! - деди да Акжаркын колун тартып алып басып кетти. Турдумамбет селдейе туруп кала берди. Акжаркын уйгу-туйгу болгон ойлорун жыйынтыктай албай күтүп турган Ысмайылдын машинасына түштү да кетип калды. Ысмайыл подъездге кирип бараткан Турдумамбетти көргөн, капалуу келген Акжаркынга эч нерсе дебеди, болгону анын кабагынан бир нерсе болгонун боолголоду.

- Күйөөңө жолуктуңбу? - деди көптөн кийин.

- Ооба, - деди да Акжаркын айтып берди, - Жаман болуптур, жамандыкка жакшылык деген эмеспи, ата-энесин таанычу элем, батага барып койбосом болбойт, - деди Ысмайылга кайрыла.

- Туура кыласың, өлгөн адамдын артынан жаман сөз айтуу адамдыктын белгиси эмес, - деген Ысмайыл ичинен ойлонуп кетти: "Демек ал аялы өлгөн соң кайра келмек болгон го, эми Акжаркын эмне деп чечээр экен? Өзү чечсин, бала эмес, экөөнүн жашоосу кайра баштакыдай болушу кыйын", - деп түз жолдо зымыратып кетип жатты.

- Биз баш кошушубуз керек, - деди Акжаркын күтүлбөстөн.

- Эмне дедиң? - Ысмайыл ишенип-ишенбей карады.

- Эгерде сиздин көңүлүңүз болсо баш кошуп алышыбыз керек, тез арада.

- Чын айтып жатасыңбы?

- Эки сүйлөгөн эмесмин, - Акжаркын дөңгөлөк менен жарыша зыпылдаган жолду карап жооп берди.

- Албетте, эки күндөн кийин үйлөнүү үлпөтүн өткөрөбүз, мен ушул гана сөздү сенден чыдамсыздык менен күтүп жүрбөдүм беле? - Ысмайылдын кабагы жаркып, кубанычы койнуна батпай Акжаркынды карады, - Алтыным менин, карлыгачым, эмнеге мындай чечимге келгениңди билсем болобу, Жакин?

- Мен сизди жактырдым, эгерде бир ай мурун болгондо көз карашым башкача эле, эми сизден бөлүнө албайм, - деп жылмая Ысмайылга кайрылып анын көздөрүнөн бактынын учкундарын сезди: "Эгерде мен Ысмайылга чыгып кетпесем кайрадан келе берип тажатат, ушундай жакшы адамдын үмүтүн өчүргөнүм, жүрөгүн муздатканым болбос, балдарды өзүм барып көрүп турам, менин сезимимди булгап, жашоомду азапка салып басып кеткен адамды кечире албайм", - деп турду оюнда. Ысмайыл үйүнө келип эле өзүнүн тааныштарына чалып жатты: "Бүрсүгүнкүгө чакыруу билети даяр болсун, да-да, мен берген сүрөттөрдү, сөзсүз, биз даярбыз", - деп кубанычтуу трубканы коюп өзүн көздөй келе жаткан Ысмайылга:

- Чакыруу билеттин кереги эмне, жашыбызга жараша кыргызча туугандарды чакырып үйлөнгөнүбүз туура го? - деди Акжаркын.

- Жа-аным, сөзсүз чакыруу билети керек, сенин чалың Кыргызстандагы эң ири ишканалардын биринин президенти, достор бар, туугандар бар. Эч кам санаба, биздин той ресторандан өтөт, - деп келинди кучактап алып эки бетинен аста өөп колтуктай креслого алып барып отургузду, - Мен сени ушундай бир кадырлап алам, жаным!

- Рахмат, сүйүүңүзгө сүйүү менен жооп кыла алам деп ойлойм, - Ийинине башын коюп ойлуу сүйлөп жатты, - Дүйнөдө сүйүү бар экенин сезбей өтсөм кантет элем, мен эми бактылуумун, жарыкчылыкта жашаганым менен махабаттын даамын татпай өтүп кетмек экенмин ээ?

- Ырысым, - Ысмайыл анын чачтарына салаасын аралатып өзүнө каратты, - Ушул айтканың чын болсо бул дүйнөдөн өткөн кезге чейин жаныңдан карыш чыкпай алаканыма салып бөпөлөп өтөм, эркем!

Ошол күнү кызын чакырып, күйөө баласына дайындоочу иштерин дайындады, туугандарына чакыруу билетти жөнөтүп ар бирине тапшырууну буйруду, Азиза атасына нааразы болгон көз карашын сыртка чыгарбады, өтө эрке кыз болсо да токтоо, ар нерсени көп ойлонуп бир чечкен келин болуп, баланын энеси, жаркылдаган жар. Азизанын барган жери да колунда бардар адамдар, күйөөсү Сардар абдан түшүнүктүү жигит. Акжаркын ал күнү үйүнө келбеди, аны күтүп тажаган Турдумамбет Гүлүнүн үйүнө барды, кайненеси Чачыкей небересин алып келип калыптыр.

- Келиңиз апа, качан келдиңиз? - деп Турдумамбет суз учурашты.

- Келдим балам, кыркына чейин биерде болуп мейманканасын тактап өткөрүп, өзү бүтүрө албай калган иштерин ини-агалары бүтүрсүн деп жатабыз, - деди Чачыкей муңкана көз жашы кылып.

- Туура кыласыз, Айчүрөк жакшы иштеп жатат, баары бир аны өз колуңуздарга албасаңыздар болбойт, Гүлү мейманкананы кеңейтем деп жүрдү эле, тилегине жетпей кетти, - Жер карай күңкүлдөдү.

- Акен өзү макул болбой жатат, мына бул чырымтал наристе үчүн сенин колго алганың туура болоор дейм?

- Коюңузчу? - Турдумамбет тайсалдай түштү, ал мындай чоң милдетти күтпөгөн эле, - Акен же Такен экөөнүн бири алганы жакшы го?

- Ошондой деп мен айттым балам, атаң менен кайнагаңдар Кутбердинин келечеги үчүн сени ылайыктап жатышат.

- Болбойт, апа, - Турдумамбет ордунан тура калды, - Бала чоңойсо тагалары карабай коймок беле, мен турам, ал эми иш деген иш, бир туугандары турса менин алып алганым болбойт.

- Мейли балам, эртең баары келишет, ошондо чечилет, - деген Чачыкей кичинекей Кутберди чукуранып калганда ага каралап калды, - Секетиң кетейин берекем, берекем менин, чымын жаның аман болсо көрөөрсүң, апаңдын жаш өтүп кеткенине өкүнөөрсүң, тагдырыңдан көрөөрсүң, чүрпөм.

- Апа, жездем келдиби? - деп Сайкал кирди, ал эки күйөөдөн чыгып ата-энесинин колунда үч баласы менен жашап жаткан. Жыйырма сегиздеги келин.

- Келди балам, - деди Чачыкей ага карабай бала менен алышып.

- Мага берчи апа, жолдо чарчадың эс ал, - деп Сайкал баланы апасынын колунан ала койду, - Жаркыным менин, бир боорумдун белеги…

- Ушуну таштап кетпедиби-и, - деп Чачыкей ыйлап кирди.

- Койчу апа, ыйласа өлгөн киши кыйналат, көлгө чөгүп калат дебедиң беле, андан көрө баласын кор кылбай багып, куран окуп турсаң, ошол сооп болот дебедиң беле?

- Кантейин, токтоно албай жатпайынбы?

- Болду эми ыйлаба, ыйласак кайрылып келсе кана? - деп Сайкал дагы көз карегине келген жашты сүртүп баланы өөп көтөрүп үй ичинде ары-бери басып жүрдү.

Ошентип жашоонун келди-кетти өңгүл-дөңгүл жолдорунда бири жашоодон өкүнүч менен өтүп жатса, бири жарыкчылыкка келгенине ыраазы болуп дөөлөтүнө дөң уруп өткөндөр да канча. Турдумамбет аябай ойлонду, байлык менен мансап кимди гана азгырбайт, бир чоң мейманкананы башкарууну, жеке менчиги болгонду мурда көксөбөсө дагы кайненеси айткандан улам ойлонуп калды. Эртеси кайнатасы Султан менен кайнагасы Таалайбек, кайниси Адылбек келди, эки кызы дагы келди, Айкан эң улуусу болгондуктан киришкен жок, ал ата-энесинин гана чечимин күтүп отурду. Султан эч кимисин сүйлөткөн жок, баарын кыдырата карап:

- Балдарым, ушу силердин катарыңар бирөөнө азайганы, кемигени апаңар менен менин алтымыш тамырыбызды жулуп алгандай эле болду, - деп көпкө башын жерге салып отуруп кайра сөз баштады, - Өткөндөр өтүп тирүүлөрдүн жашоосу улана берет экен, эми мени уккула, Гүлкан өзү каалап түбөлүккө кол кармашкан жары, Кутбердинин атасы Тукуга ишти өткөрүп берели, кызымдын баласынын келечеги, тагдыры ушунун гана колунда, энесинен ажыраганы аз келгенсип атасынан айрыбайлы, буга эмне дейсиңер?

- Ата, сиздин чечимиңизге каршылык кылуу бизге жат нерсе, демек сиз эмне десеңиз ошо, - деди Таалайбек.

- Ооба, сиз айткандай болсун.

- Жездемдин да эмгеги бар, - дешип кубаттап турушту.

- Буга кандай дейсиң, балам? - деди Султан Турдумамбетке кайрылды.

- Ата, мен эмне дээримди билбей калдым, бирок көп эмгек менен ушул даражага жетип, мейманкананы өз күчү менен курдуруп убайын көрбөй кеткенине өкүнөм, экинчиден бир туугандары эле колго алса дедим эле…

- Бир туугандары мал менен көнүп калган, ар кимисинин өз жашоолору жетиштүү, сен деле бизге баладай болуп калдың, ошондуктан сен алышың керек, бирөөгө тонотпой үзүрүн көр, балам.

- Ыраазымын ата, сиздин бир сөзүңүздү кайтарууга акым жок, сиздер айткандай болсун, - деди Турдумамбет тура калып.

- Азамат, мына мунуң башка кеп, - деп Султан ыраазы болуп калды.

Андан кийин тамактанышты, өз ара Гүлүнү эскеришти, ал жөнүндө айтып түгөтө албай ар бир кыял-жоругун айтып бирде күлүп, бирде көздөрүнө жаш алып ал күн өттү. Эртеси эле мейманканага келишти да баарын көздөп өткөрүп алып Турдумамбетти Гүлүнүн ордуна отургузду. Айчүрөктү жумуштан кетирбей секретарлыкка дайындады. Ойлобогон жерден орунга ээ болгон Турдумамбет: "Мен деп канча азап тарттың эле байкушум, мен сени сүйбөсөм да убактылуу жыргалыңа азгырылып кеттим эле, бирок минтип оңой оокатка ээ болом деп ойлогон эмесмин. Там жөнүндө болсо кеп да кылышкан жок, демек баары меники", - деп ойлоп отурган жеринде ойлонуп отурду. Бирок ал Акжаркындын күйөөгө тийишин каалаган жок, өзүнүн жаңылыштыгын сезип, мойнуна алып чөгөөлөсө да андан кечирим сурап кайрып алгысы келди, бирок кызганычы күчөп: "Эптеп өзүмө кайрып алсам анан сени көрөм, күнөөң үчүн үстүңө токол алып көзүңдү жалдыратып гана өмүрүңдү тирүү өлүккө айлантпасамбы", - деп муштумдарын кычырата түйүп алды…

Айчүрөк бир аз убакыттан бери мейманканага ээлик кылып калганга көнө түшкөн эле, үйүнө көңүлү чөгүңкү келди. Аны көргөн Айтбек жаткан жеринен туруп:

- Эмне маанайың пас, ишиңде бирдеме болдубу? - деди.

- Эчтеке болгон жок, ээси келсе бээсин бер дегенди билесиңби?

- Муну менен эмнени түшүнсө болот?

- Ошо, бүгүн ишин өткөрүп бердим, ордуна Турдумамбет келди.

- Эмне?

- Ооба, ошондой.

- Кызык, ал ошентип май талканды мыкчып калды дечи?

- Багыңа келсе бакчай, чегиңе келсе чекчей.

- Турдумамбеттин багы бар экен, эптеп эле мага окшоп тапса таап, таппаса жок таксист болуп жүрчү эле, - деп Айтбек да таңгалды, - Эми кайдан иш табасың?

- Мени секретар кылып дайындады.

- Сен анда оң колу болгонсуң го?

- Ошондой десе да болот, ата-энеси менин Гүлкан менен классташ экенимди билет эмеспи, иштей бер деди.

- Анан эмнеге капалуу келдиң?

- Гүлүнүн өлгөнүнө кейидим, байкуш өзү болгондо эмне, көп жыл көрүшпөй жүрүп жаңыдан табышканда өлүп кетти, ал мага иштин көзүн үйрөтөм деп жүргөн, ал тургай жардам берем деген болчу.

- Байкуш.

- Балдар ойноп жүрөбү?

- Ооба, кызың тамак жасап койгон.

- Өзү кайда?

- Бир кызга жолугам деп кетти го?

- Мейли анда, бирдеме жалмалап алып эс алайын.

- Иштесең этият бол эми, - деди Айтбек сырдуу көзүнүн төбөсү менен карап.

- Эмнеге? - Айчүрөк күйөөсүн түшүнбөй карады.

- Катынпоз неме сага да сөз салат чыгаар.

- Айтбек, ушундайың жаман, арам ойдон арыла албай калдың го, иштешкендин баарынан күмөн санай берсең кантип күн көрөбүз? Балдар биринин артынан бири чоңоюп келе жатат, үч бөлмө үйүбүздөн башка эчтекебиз жок, - Айчүрөк күйөөсүнө жиндене наалып жатты, - Деги эсиңе келип адам болоор түрүң барбы ыя?

- Болду эми жинденбе, чындыгын айтып жатам да, - Айтбек ырсалаңдап кутулду, - Койнундагы катынын ким да болсо кызганат да.

- Обуң менен болчу, ушул заманда жашашты гана билиш керек, - деп Айчүрөк өз ишине киришти.

Айтбек унчукпай калды, ойлоп көрсө чын эле үстүндө үйү бары болбосо келечекте балдары үчүн эч нерсесин жасай элек экен. Баягы Гүлүдөн алган акчаны Турдумамбет менен бөлүшкөндө карыздарына берип калганын ойноп күлгөнгө, үйүнө буюм-тайым алганга жумшап тим болуптур: "Ошону менен бизнес баштасак болмок экен, Айчүрөктөн жашырып бөлүп жарбай толук бергенде иштетмек экенбиз", - деп ойлонуп алды. Канчалык адам баласы акчага көз каранды болуп баратканы менен үнөмдөп-сарптап жашоону биле албагандар гана кыйын жашоодо жашап жатышпайбы, Айтбек бир жолу колуна тийген арам акчанын жукпаганына кейип жатты.

Айчүрөк өз ишине так иштеп жатты, Турдумамбет акырындык менен мейманкананын жумушчу кызматкерлерин бүт алмаштырды. Үстөлдө отуруп көп ойлонуп өзүн кайнатасындай адам болууга аракет жасап, тарбиялуу, ата-энени сыйлаган балдарды өстүргүсү келди. Атанын сөзүн эки кылбай, өйдө карап сүйлөбөй кадырлаган балдарды көргүсү келди: "Адис мени кечирбей жатат, демек ал чоңойгон сайын жек көрө берет, ошол үчүн Акжаркын менен жарашып алышым керек", - деп ойлоп кабинетин кулпулап чыгып баратып Айчүрөккө:

- Мени бүгүн болбойт деп кой, - деди да чыгып кетти.

- Макул, - деп кала берди ал.

- Айчүрөк эже, шеф аябай "серьезный" экен ээ? - деди кыздардын бири.

- Мен деле бир эки жолу көргөмүн.

- Кайдан?

- Аяшым да.

- Чынбы?

- Ооба, аялы өлбөгөндө бул биерге келмек эмес.

- Эмнеге?

- Каалачу эмес го?

- Кызык экен, өзү кайда иштейт эле?

- Таксист эле…

- Аа-а, - деп тим болду, кыязы Турдумамбеттин мурунку, азыркы жашоосуна кызыкса керек. Айзада көргөндөн тартып ал жөнүндө билгиси уккусу келип жүргөн эле.

- Ай Айзада, сен агайды сүйүп калган эмессиңби? - деп шыбырады Салима деген кыз ага.

- Койчу, сурап койсо эмне экен? - Айзада кызарып кетти.

- Эчтеке эме-ес, шеф бойдок экен.

- Болдучу, - деп туруп кетти Айзада, ошол бойдон кыз-келиндер өз иштерине кирип кетишти. Айчүрөк ойлуу компьютерин карап отура берди. Турдумамбет болсо үйүнө жетип эшиктин коңгуроосун басты эле Назым ачты:

- Оо, мен кимди көрүп турам? - деп башын ичкери карай буруп үн салды, - Жаркын, конок келди бизге!

- Ким экен? - деп чыга калган Акжаркын турган жеринде катып калды, ал үлпөт кийимчен болчу, Назым экөө атайын даярданганы келген, Назымдын чачтарачтык кесиби болгондуктан үйдөн жасаганга кеңешип кийимин кийип көрүп жатышкан.

- Оо, а сенин курбуң кыз болуп кеткен го? - деди Турдумамбет аны карап кекеткендей.

- Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар дегендей Акжаркын кимден кем экен? - деп шыпылдады Назым.

- Эри бар аялдын кылыгы башынан ашса жазасы кандай болоор экен, эркектин башын аттаган аялга кечиримдүүлүк жок го? - Кыжына ичкери кирди, - Тирүү туруп балдарды жетимсиреткиң келип жатабы?!

- Менби же сенби? - Акжаркын турган жеринен аста сүйлөдү - Жаңылбасам сен таштап кетпедиң беле?

- Эркек адашат, кайра ордун табат, аялга эмне жок?

- Аялда намыс болсо деңизди жөө басып өтөт деген, эркекте намыс болбосо түгөл эл-жерин сатып жоголот дегендей Акжаркын сенин таштап кеткениңе чөгүп кеткен жок, балдарды жакшынакай кылып багып жатат, азыр болсо алар эс алып жүрөт, жакшы аялдын баркына жетпей басып кеткен өзүң элең го? - Назым экөөнүн ортосуна туруп Турдумамбеттин көзүнө тике карады, - Же туура эмеспи?

- Анан намыстуу болуп эки үч айдын ичинде эр издегенге жетиштиби?

- Бул тагдыр, тагдырына туш кылса аргасыз көнөт адам баласы. Турдумамбет, сен бизди кармап жатасың, кечигип жатабыз.

- Акжаркын эч жакка барбайт!

- Эмнеге, мен сени уккум да келбейт.

- Эң сонун угасың, мен сени менен жекече сүйлөшүшүм керек.

- Туку, сенин сөзүңдү угуп, айтканыңа көнүп он сегиз жыл жашадым, ошондо сен мени сыйладыңбы? Мени эмес эки баланы сыйлаган жоксуң, тырмактай кызың сурай берип менин жүрөгүмдү сыйрыганын сезбедиң, эми карайлап катының өлүп калганда кайра келем дегениңе жол болсун!

- Жаркын, ал күнөөм үчүн кечирим сурайм.

- Эми баары кеч, азыр мени сыйлап, көзүмдүн кареги менен тең айланган адам бар, адамдын үмүтүн үзүү кандай гана акылсыздык, мен андайга бара албайм! - деп терс бурула бергенде Турдумамбет карысынан кармай калып өзүнө каратты:

- Эмне дедиң?

- Эмнени уксаң ошо!

- Мына сага! - деп жаакка чаап жиберди Турдумамбет, ошол кезде Назым аны кармай калмак болду эле аны түртүп ийди, - Бектур экөөңдүн кылганыңар экенин билем, бул менин аялым, демек аялым бойдон калат!

- Акмак! - деп ыйлаган Акжаркын түктөйө түшкөн жаагын басып Назымды өйдө кылды, - Буларда эч кандай күнөө жок, андай өч алгың келсе менден ал!

- Жок, менден алсын! - деп Ысмайыл кирип келди.

- Эмне, бир күн бойдок болгон келин үчүн айланкөчөк болгон сенсиңби, өткөндө эле сага айткамын, жолобой жүр деп, - Турдумамбет муштумун түйө ага жакындаганда Акжаркын ортого түшө калды:

- Туку, эсиңди жый да өз жолуң менен бол!

- Мен өз эле жолумдамын, сен эсиңди жый, кеттик айылга, баарын ташта, - деп Турдумамбет аны колдон алып эшикти көздөй жетелеп жөнөгөндө ал тартынып босогону кармап туруп алды:

- Мени өлтүрсөң дагы сени менен кетпейм! - Ошол убакта эшик ачылып коңшулары чыга калды, Назым менен Ысмайыл Акжаркынды андан бошотуп алып ичкери киргизип ийди, Турдумамбет аргасыз элден тартына сыртты көздөй чыгып кетти. Шолоктогон Акжаркын көпкө ыйлады, сол жаагы түктөйүп кыпкызыл болуп ысып чыккан. Ысмайыл менен Назым аны ортого алып сооротуп бетине муздак суу басып жатты. Ал күнү Акжаркынды Ысмайыл үйүнө алып кетмек болду:

- Жакин, сен бул үйдү ташта, өзүңө керектүүлөрдү гана ал, эми бул үйгө келе бербе, сени тынч койбойт, - деп колдорунан кармалап өптү.

- Туура Жаркын, сени тынч койбой келе берет, сага дагы тынч жашоо керек да, бул үйгө келбей эле койчу, - Назым кошумчалады.

- Макул, - деди Акжаркын.

Ошол күнү ал болоор-болбос кийим-кечесин алды да Ысмайыл менен бирге кетти, Назым алар менен бирге келип Ысмайылдын үйүн көрүп аябай суктанды, өздөрүнүн үйү деле жакшы салынган, жаңы типтеги үй дечи, бирок жалаң чет элдик мебелдер, гарнитур менен килемдер ал турсун идиш-аяктарынын жалаң чет элден келген буюмдар экенин көрүп ичинен Акжаркындын бактысына кубанып турду. Ал Акжаркындын ата-энесинен эрте калганына, бир тууганы жок жалгыздыгына боору ооручу: "Байкушум, бактылуу болсо экен, ата-энеден айтпаганы аз келгенсип эрден да жакшылык көрбөдү, ушул бактысы кут болсо экен", - деп ойлоп Турдумамбетке жини келип турду, жана ал түртүп ийгенде шкафка башы тийип томуюп кеткен, анысын билгизбеди.

- Жаркын, сенин бактылуу болушуңду гана каалайм, ушул бактың кут болсун, - Кучактап өөп-өөп алды, - Тукуңду унут эми.

- Курбум, сага рахмат, - Акжаркын ажарлуу жылмайды, -

Мен ушул кез сүйүүгө балкып турам.

Көңүлүмдө көк асманда каалгып учам.

Жүрөгүм да ээлигет күлүк аттай.

Көл үстүндө көк кайыктай калкып турам, - деп чоң кенен залдын ортосунда айлан көчөк болуп тегеренип келип креслого отуруп калды, -

Бул сүйүү дүйнөдө жок кереметпи,

Өмүрүңдү балкыткан бакытпы же.

Же сүйүү күйүп турган кызыл отпу,

Кабылган жанды тартып илебине.

- Курбум сен тим эле акын болуп бараткандайсың го?

- Жо-ок, сүйүүгө чаңкап турам, суусадым кубанычтын бир өзүнө. Өзүң айтчы, сен Бектурду сүйүп баш коштуң беле?

- Сүйлөшүп анан үйлөнгөнбүз.

- Демек сүйүү бар экен да! Мен Турдумамбет ала качып кетсе эле жашоо деген ушул турбайбы деп жашап жүрө берипмин, эми гана көзүм ачылбадыбы! Гүлүгө рахмат, ал азгырбаса үйбүлөнүн түйшүгүн тартып жарым-жартылай бакытты бактылуумун деп бул өмүрдөн өтүп кетмек экенмин, - Эки келин ушинтип сүйлөшүп жатканда Ысмайыл аларды карап, баарын угуп туруп Акжарды ого бетер сүйүп, ичи элжиреп жатты.

- Курбум, эми мен кетейин, буйруса тойдо жолугабыз, - деп Назым кетмек болду.

- Кыздар, мен силерге бир сунуш айтсам кандай дейсиңер? - деп Ысмайыл басып келди, - Кана угасыңарбы? - Экөөнү күлмүңдөй карады.

- Айтып көрүңүз, кабыргабыз менен кеңешип көрөлү, - деп Акжаркын наздана үнүн созду, - Угуп жатабыз.

- Мен силерди ресторанга чакырам!

- Оой, ырас элеби? - Назым ушинткени менен кайра мостое түштү.

- Биз макулбуз ээ Назым? - Акжаркын Назымды колтуктай жайдары карап анын кабагын байкап калды, - Ой сага эмне болду?

- Эчтеке курбум, мен үйгө эле бара берейинчи, Бектур келип калгандыр.

- Түшүндү-үм, - Ысмайыл сөөмөйүн чычайта күлө карады, - Ал белгилүү эмеспи, силер машинага отургула, чогуу эле барып Бектурду ала кетели.

- Ооба ошентели.

- Сиздерге жолтоо болбойбузбу, өзүңүздөрчө эле болсоңор болмок, - деди Назым.

- Андай болбойт, адам адам менен, экөөбүзгө убакыт деген ансыз дагы табылат, бир өмүр биргебиз буйруса, - деп Ысмайыл аларды отургузуп алып Бектурдун үйүн көздөй жөнөдү.

Ошол кеч өзүнчө эле кереметтүү сезилди Акжаркынга. Айрыкча байкабай жүргөнүнө таңгалды, төртөө отуруп тамактанып, анан ресторандан чыкмак болгондо Ысмайыл үстөл үстүнө он миң сом таштап коюп чыгып кетти: "Ой тобо-о, бир отурганда он миң сомго ичсек анан кандай болоор экен? Бул аябай баскан экен да, өзү фирманын президенти болсо эмнеге депутаттыкка жулунбайт? Эгерде бул кеңпейилдиги менен депутат же президент болсо элди жыргалчылыкка жеткирээр беле? Бирок андайга жутунбаганы жакшы", - деп да ойлонуп ийди..

Бектурлар үйүнө кеткенден кийин Ысмайыл Акжаркынга кайрылды.

- Жакин, жүрү бүгүнкү түндү "Сейил" бактан өткөрөбүз, - деди колунан кармай.

- Сиз эмне десеңиз мен макулмун, - Акжаркын Ысмайылды сүзүлө карап эркелей колунун үстүнө колун койду, Ысмайылдын бир колу рулда, - Мен сиздин эркиңиздемин.

- Жа-аным, - деп Ысмайыл анын колун оозуна алпарып өөп бетине басты.

Төшөнчү алып алмак болуп үйүнө келсе Азиза үйүндө экен, анткени бир ачкыч ар дайым анда боло турган.

- Ата, келдиңизби?

- Ооба кызым, сен качан келдиң?

- Жана келгем, сиз менен сүйлөшчү сөз бар, кириңиз үйгө. Ата, эртең кеч болуп калбасын?

- Неге андай дедиң, кызым?

- Ата, жанагы аялды таштаңыз!

- Кызым, эмне дегениң бул? - Ысмайыл кызын көңүл бура карап калды, - Сенден мындайды күткөн жок элем.

- Ата, биринчиден ал жаш экен, сизге байлык үчүн гана макул болгондой түрү бар, экинчиден Нурис келгенче кое турганыңыз оңдур?

- Нурис менен телефондон сүйлөшүп түшүндүргөм, бирок Акжаркын андай жан эмес, кызым. Анын деле үй-жайы бар, эгерде жолдо жүргөн неме болсо мен дагы ошентип ойломокмун, - деп чыгып кетмек болду эле:

- Ата, апам болгондо минтпейт элеңиз, ошол аялды алып келсеңиз мен экинчи сизге келбейм, өлгөнчө жүзүмдү көрсөтпөйм, - Азиза ыйлап турду, ошол кезде машинада отуруп Ысмайыл кечиккенде кабар алганы келе жатып Акжаркын алардын сөзүн угуп калды.

- Кызым, апаңарга жакшы эле аза күттүм, отуз жылдап жашап силерди тарбияладык, мени да түшүнүп койгулачы.

- Өзүңүзгө ылайык улгайган аял албайсызбы?

- Мени атам десең айтканыма түшүн, сенин үйбүлөң бар, кызым. Менин улгайганда тапкан бактымдан ажыратам деп убара болбо!

- Анда мени бул өмүрдөн кеткенче көрбөйсүз, сиз жаш аялга алданып жатасыз! - деп Азиза ички бөлмөгө кирип кетти. Ысмайыл эмне кылаарын билбей туруп калды.

Акжаркын машинага келип билмексен болуп отуруп калды, андан кийин эмне деп сүйлөшкөнүн билбеди, бирок жүрөгүн мыжыккан санаа аны кыйнап: "Мен байлыкка азгырылып Ысмайылды алдап сүйдүм деп жатамбы, неге мени түшүнүшпөйт, ырас ал менден жыйырма жаш улуу, ошентсе да дилимди, денимди бердим эле го, бул жашоодо өкүнбөстөй жашоо болбойт тура, баары бир тоскоолдуктар адам баласына кедергисин тийгизет экен да", - деп ойлуу отурганда Ысмайыл келип рулга отурду:

- Жакин, үйгө Азиза келиптир, бүгүндөн башка күнү баралы ээ? - деди келинге эңкейе.

- Макул, сиз айткандай болсун.

- Жа-аным, мен сенден бир гана нерсе өтүнөйүн, каршы болбойсуңбу?

- Кандай сөз экен?

- Сиз дегенди коюп мындан ары мени сен деп эле айта берчи, калп айтпасам мурда да өтүнгөн элем.

- Ошол элеби? - Акжаркын бырс этип күлүп жиберди, - Башка бир көйгөй экен десе…

- Кандай көйгөй болмок эле, ошону аткарсаңыз эле биз ыраазы болот элек, - деп күлүп койду.

- Жарайт, - деди жылмая Акжаркын.

- Жүрү эмесе үйгө кирели.

- Жо-ок, мен үйгө эле кете берейин, Азиза менен кенен-кесири сүйлөшүп алгыла, - деп болбой койду Акжаркын, - Мен такси кармап кетип калам, силер үйгө кире бергиле, - деп машинанын эшигин ачканда Ысмайыл машинаны ордунан дароо жылдырып жиберди.

- Отур!

- Эмне болду? - Акжаркын Ысмайылга таңыркай карады.

- Өзүм жеткирем, - деди да жолго чыкканча үндөбөдү, - Неге мени уккуң келбеди, ансыз дагы кызым мени капа кылып койду.

- Эмне деди? - Билмексен боло сурады Акжаркын.

- Сага үйлөнүшүмдү каалабайт, - деп балп эттире айтып салды Ысмайыл.

- Андай болсо угушуңар керек.

- Эмне, ошону уккандай жаш жигит белем? Ачуу таттууну көрүп кагылып калган Ысмайылмын, өзүмдүн тагдырымды өзүм чечем, - деп Ысмайыл жиндене машинаны катуу айдап кетип жатты.

- Ачууңузду кармангыла, жаны, мен сиздикмин баары бир.

- Ошондой болчу жаным, мен жашыра албайм, ачык айтканымды кечир.

- Күнөөңөр оор, кечире албайм го? - Акжаркын сынай карады.

- Кандай күнөө?

- Мени сүйдүрүп алганыңызчы.

- Ой периштем ай, асыл жансың го, эгерде Азизанын сөзүн укса артын карабай басып кетет го дедим эле, аябай жаман абалда калдым эле, - Ысмайыл машинаны жол жээгине токтотту да Акжаркынга карай бурулуп отуруп колдорунан кармап жүзүнөн өптү, - Жаным менин, дүйнөдө адашып жүрүп тапканым.

- Ушундай сүйүүнү тартуу кылганыңа бактылуумун, - Акжаркын көзүн жумуп анын эркине көнүп берди, экөө тең кең ааламда эркин учкан канаттуудай каалгып дүйнө жүзүн заматта кезип, жашоонун бир бүркүм бактысынын кучагында магдырап жатышты. Акжаркын бул өмүргө жаңы келгендей, чалкыган деңизде балык болуп сүзүп, махабаттын балдай ширин даамын татып Ысмайылдын кучагында..

Алар ошол түнү машинада түнөштү, сүйлөбөгөн сөз калбады, бири-биринин кучагында жылдыз тараганча отуруп анан уктап кетишти. Алгач ойгонгон Акжаркын өзүн бекем кучактап алган Ысмайылды көпкө-ө карап туруп аста эңкейди да бетинен өөп жатканда Ысмайыл анын колун кармап алды.

- Ойгондуңбу, периштем?

- Уйку канды, кандай гана керемет түн.

- Оох, - Ысмайыл кериле туруп баратып Акжаркынды тартып алып кайра жыгылды, - Жа-аным…

- Уят, жолдо кыжыган эл өтүп жатат.

- Мейли, өтө берсин, - деп экөө эзилишип калды.

Экөө өйдө болуп бири-биринен бөлүнө албай тиктешип турган, ошол кезде жолдон өтүп бараткан Турдумамбет токтой калып машинасын артка жылдырып токтотту да карап туруп калды: "Эн-неңди, канчык", - деп алды да кыжына, анан чыдап карап тура берди, бир кезде Ысмайыл машинаны айдап жөнөгөндө Турдумамбет артынан бара жатты. Тигилер ресторандын жанына токтоду, ошол кезде Турдумамбет алыстан акмалап туруп кайра артка кетти. Ушунчалык ачуусу келип мейманканага келип кабинетке кирди, кагаздарын колуна алганы менен ойлору ар кайда кетип тынч ала албай отурганда эшик тыкылдап Айзада баш бакты:

- Уруксатпы, агай.

- Кел, эмне болду?

- Бул расходго кол коюп коесузбу?

- Кана берчи, - Турдумамбет колун созо кагаздарды алды да бир топко тигилди, - Ушунча да ысырап кыласыңарбы, акыркы жумадагы келген элдин эсеп-кысабын алып келчи.

- Жарайт, агай, - Айзада акырын чыгып кетти, Турдумамбет мейманкананын ишин анча билчү эмес, ошентсе да өжөрлүк менен алып кетүүгө аракет кылып жаткан, Айзада кайра кирди, - Мына бул кагазда баары бар.

- Оо, - деп койду Турдумамбет, - Демек кардарларыбыздын саны күндөн-күнгө көбөйүп жаткан экен го?

- Ооба, клиенттер жакшы келип жатат.

- Ким, Айзада, мына бул расходго кол коюп берейин, мындан ары ар бир суткадагыны эсептеп тургула.

- Макул, - деген Айзада Турдумамбеттен көзүн албай жооп кылып жатты, анысын байкап калган ал:

- Бошсуң, - деп башка журналды карап калды, Айзада дагы эле тура берди, башын өйдө көтөргөн Турдумамбет, - Эмне, дагы ишиң бар беле? - деди ага карай.

- Аа-а, жок-жок.

- Анда бошсуң.

- Мм, - деп көзүн албай кагаздарын кармаган бойдон кылчактай кетип жатты. Турдумамбет ал чыгып кеткенден кийин негедир күлкүсү келди: "Жинди неме го, же бир нерсе дегиси келди бекен", - деп ойлонуп алды. Кечке отуруп кабинеттен чыгып баратса жалгыз Айзада калыптыр, башкасы жумуш убактысы бүтүп түнкү кезекке тургандар эбак келген.

- Кете элексиңби?

- Жо-ок, - Айзада көзүн албай дагы карап калды.

- Иш убактысы эбак бүткөн, кете бер, - деп коюп Турдумамбет түз өтүп кетип каалганы жаап чыгып кетти. Айзада дел болуп кала берди.

Турдумамбет машина менен кетип жатып жол боюнан балдызы Сайкалдын бир жигит менен турганын көрүп калды. Көрмөксөн болуп өтүп кетти. Келсе Чачыкей жаш бала менен кыйналып отуруптур, Турдумамбет костюмун чечип илди да, чыркырап ыйлаган наристени ала койду.

- Эмнеге ыйлап жатат, апа?

- Кайдан билем балам, тил-оозу жок бала айталбаса…

- Ичи ооруп калган жокпу?

- Таң, кардын эмеле тойгуздум.

- Сайкал кайда кетти эле?

- Ал бир курдашына жолугам деп кеткен, келип калаар.

- Ии-йи, - деп койду да: "Курбусу жанагы го", - деп карыган кайненесине боору ооруп баланы көтөрүп сооротуп уктатып коюп анан үйгө кийчү Гүлү алып берген пижамасын кийди, ашканага кирип даяр тамак издеди, өзү тоюп келген, кайненесинин ачка экенин билип эле турду, бала менен отураарга чолоосу жок чарчаган экен.

- Балам, термосту карачы, чай бар бекен? - деп Чачыкей Турдумамбетке кайрыла сурады.

- Көрөйүнчү, - деген Турдумамбет алып келди, чай куюп сунуп жатып, - Сайкал качан кетти эле? - деди.

- Эртең менен эле кеткен, - деп эне күйөө баласына кызын жаманатты кылгысы келбей жооп кылды.

- Башка жумушу жок беле?

- Билбейм.

- Кел чай ичиңиз, кечке ачка болдуңуз го?

- Эк, жерге кирсинчи, карыганда эчтеке барбайт, өлбөгөн жанга суу өтүп турса болду да, - деп эки чыны чай ичип эле бата кылды, - Кудай жалгасын, садага болоюн, аман бол.

- Эчтеке эмес апа, азыр өзүм тамак асып коем, эт турбайбы? - деп чайын жыйнап жатканда Сайкал кирди.

- Апа, бала кыйнаган жокпу?

- Кыйнабайт да… - деп тескери карады Чачыкей, бул кызына таарынганы эле, ал-абалын билип туруп отуздагы өзү эне болгон кызы ушинтип отурса жини келбей койчу ишпи, күйөө баласынан тартынды, болбосо тилдемек. Аны сезген Турдумамбет сыртка чыгып кетти.

- Акылы жогум, сексендеги кемпирге бармактай баланы таштап коюп керээли кечке жоголгонуң эмнең ыя? Жоругуң жолдо калсын, баланы бакканга тиги Таалайдын кызын эле жиберсин, сен бар дагы аны жөнөт, кыркына аз калды, өзүм да кетем.

- Апа, кечирип койчу, жакында мен турмушка чыгайын деп жатам.

- Каякка ботом, ким экен ал? - Эне кызын ормое карап калды.

- Чүйлүк жигит, университетте мугалим экен.

- Ботом бир көрүп эле алам, тийем дей калдыңарбы? - Ишенбей кызын дале таңгала карап турду.

- Апа-а, мен аны менен мурунтан эле сүйлөшүп жүргөм.

- Ата-энеси кандай неме экенин билесиңби, сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дегендей ойлон кызым, жаш эмессиң, үч баланын энесисиң, дагы күйүп калба, - Чачыкей Сайкалга акыл-насаатын айтып жатты.

Андан кийин Сайкал үндөбөдү, айтса-айтпаса төгүнбү деп ичинен сызды, чынында ал жигит менен жаңы эле таанышкан болчу. Сайкал көптөн кийин ашканага кирип буркулдап кайнап жаткан казандын капкагын ачып көрсө эт салып коюптур: "Апам газ күйгүзө алчу эмес эле, жездем койгон го", - деп тузун көрүп, калганын өзү жасап кирди.

Турдумамбеттин жүрөгү бир нерседен тынчсыздана берди, ал Акжаркынды ойлонуп кыжаалаттангандагысы эле. Ал эчен-эчен түндү уйкусуз өткөрүп ойлонуп Акжаркындын кайтпасын толук сезди. Аргасыз ага көнүп бакыт каалагандан башка сөз жок экенин билип тим коймок болду: "Тим коеюн, анын айтканы да туура, мен таштап кеткемин, анын да жүрөгүн оорутуп көңүлүн сууттум, аныкы жөн экен, тагдырыбыз бөлүп жатканда тоскоолдук жасай алмак белек, бактылуу болсун, балдар чоңоюп калды, колум кур эмес, чоң иш колумда турат, каалагандай өстүрөм", - деген жыйынтыкка келди. Ошондон баштап өзүнө ылайык кыз-келинге көз сала баштады. Бир күнү кабинетке кирип келе жатып бут алдында жаткан конвертти көрүп эңкейип алып ачып окуп кирди: "Саламатсызбы, Турдумамбет агай! Сиз бул катты алаарыңыз менен таңгалаарсыз, бирок унчукпай кое албадым, анткени сизди сүйөм, күнү-түнү тынчымды алып уйку бербеген сизсиз! Түбөлүк өзүмдү бактылуу сезмекмин. Сиз мени билбейсиз, билген күндө дагы сүйбөсүңүздү билем, анткени мен абдан жашмын, он алтыдамын, кечириңиз мени, эгерде сиз мени сүйүп калсаңыз өзүмдү кандай гана бактылуу сезет элем", - деп сизди сүйгөн чоочун кыз", - деп коюптур. Аң-таң болгон Турдумамбет үстөлүнө жөлөнө отурду: "Иштеген кыздар мазактагысы келген го, эмне кылсам экен", - деп ойлоп отурса каалга тык-тык кагылды.

- Кириңиз, - деди оюн бөлө Турдумамбет.

- Ассалоому алейкум, Туке, - деп Айтбек кирди.

- Ал-лейкум салам, кел-кел Айтбек, - Турдумамбет тура калып учурашты.

- Кайгыңды бөлүшүүгө даярмын Туке, мен уккан менен сага жолуга албадым.

- Ээ ошондой болуп кетти…

- Кайгырба досум, бул кудайдын иши экен да.

- Айла жок, колдон келбес иш экен.

- Туке, макул десең бир көңүл айтып коеюн, жүрбөйсүңбү.

- Азыр бирөөнү күтүп жаттым эле.

- Эми канча күтөйүн?

- Бир саатта бошоп калам.

- Анда сырттан күтөм, - деп Айтбек чыга жөнөдү.

Ошол кезде кабинетке үч чет өлкөлүк адамдар кирди, Турдумамбет аларды кош колун суна тосуп алды. Бир сааттан ашык бир ишти талкуулашып анан аларды узатып чыкты да өзүн күтүп турган Айтбекти көздөй басты.

- Капа болбодуңбу, дос?

- Жо-жок, кеттикпи андан көрө.

- Кеттик, - деп күлүп машинасын айдап чыкты Турдумамбет, экөө чоң жолго чыккандан кийин:

- Дос, эми кафеге алып барайын, ресторанга чамам жок, - деди Айтбек.

- Эчтеке эмес, андан көрө пивнойго эле кирбейлиби, бир кружкадан пиво ичсек жетет ошол.

- Болбойт, кафенин деле жакшысы бар, кенен отуруп сүйлөшөлү.

- Жарайт, сен айткандай эле болсун, - деп күлдү Турдумамбет. Жол боюндагы "Арууке" кафесине киришти. Экөө бир топко отурду, өткөн-кеткенди айтып күлүп отуруп анан кафеден чыкканда Айтбекти жеткирип коюп анан Турдумамбет үйүнө кайтмак болуп кетип баратып кайра Акжаркынды эстеп өз үйүнө бурду, кабат үйдүн алдында келип терезесин караса өчүрүлгөн, киргиси келбеди: "Демек ал бул үйгө келбей калган экен, тилегине жетсин", - деп ойлоп оор улутунуп алды, анын бул улутунушу энесинен келтек жеп сооронгон жаш баланын кейпиндей көрүнөөр эле, же таптакыр үмүтү үзүлгөн адамдай ындыны өчүп аргасыз тагдырына баш ийгенге болбосун сезди. Ал келгенде кайненеси менен балдызы эбак жатып алган экен, жыла басып өз бөлмөсүнө өттү да жатып калды. Бир кезде катуу уктап кеткен экен, эшиктин ачылганы угулду, дарбазаны кулпулап кирген: "Ким келди, же ууру болуп жүрбөсүн", - деп ордунан туруп эшикке чыгып веранданын жарыгын күйгүзмөк болуп баратып кыткылыктаган үн угуп акырын терезе тушуна келди.

- Койчу, болду эми, уят эмеспи, - деген Сайкалдын үнү угулду.

- Эмне болмок эле, жүрү тигиндей баралычы, - Эркектин үнү акырын чыкты, Турдумамбет саамга карап турду, караңгыда көрүнбөдү, бирок үндөрү даана угулуп жатты, - Мен сени сүйөм, биз жакында үйлөнөбүз.

- Койчу ай, ошо үйлөнгөндө эле болсунчу.

- Эмне, кыз белең, бир жолу эчтеке болбойт, анда эмнеге чакырдың?

- Сүйлөшүп отуралы дедим да, - Сайкал таарынгандай сүйлөдү, - Сен аябай жаман экенсиң.

- Эркек деген жөн жүрчү беле? - Күлүп, өпкөнү угулду.

- Эркек болсоң эле эмне экен, жүрү эшикке чыгарайын, кетип кал, - деп экөө дарбазаны көздөй басканы билинип турду.

- Бир ыраазы кылбай кетиресиңби?

- Койчу ай, сени башкача деп ойлогом.

- Кандай дедиң эле, кыздарча чоюлуп керилет деппи?

- Жигиттердин ошондою жагат мага, экинчи келбе, - деген Сайкалдын сөзү Турдумамбетке жакпай жини келип: "Кылыгы шумдук го, шал эркек экен, чакырып алып кет деген катындын акесин таанытпайбы?" - деп ойлонуп алып артынан аңдымак болуп уурдана веранданын босогосуна жеткенде алар дарбазадан чыкпай эле бак жакка басышты. Турдумамбет уурдана карап туруп: "Мага эмне жок, өлүп кетпейби", - деп сыртка ажатканага бармак болуп чыгып кайра келе жатса тигилердин дабыштары чыгып бири-бирине жалынып-жалбарып жатыптыр: "Кылыгын кара", - деди да эшикти тарс эттире жаап кирип жатып алды. Эртеси Сайкал уктап жатканда эртелеп чыгып кетти, дагы үйүнө келди, эч ким жок, эшик бек туруптур: "Кеткен экен", - деп ойлонуп заманасы куурула түштү. Кайра артына бурулуп мейманканага келди, кабинетине кирип отурса телефону чырылдап калды:

- Да-да, угуп жатам, - деп тыңшап калганда Сайкалдын үнү угулду.

- Жезде, кудагый келиптир, качан келесиз?

- Аа-а, мен жаңы эле келдим, иштер көп, эгерде зарыл болсо апам офиске келсин.

- Макул, айтып коеюн, кайра чалам, - деди да трубканы коюп койду. Ойлонуп көпкө отурду, бирок Сайкал кайра чалбады, ошол убакта Айзада кирди:

- Саламатсызбы агай, уруксат бекен?

- Кел, келе гой.

- Буларды сизге алып келгемин, - деп кагаздарын жая салды.

- Аз-замат, сен жакшы иштеп жатасың, мен сени кечки тамакка чакырам, - деди Турдумамбет ага жылмая.

- Чын элеби, агай? - Айзаданын көздөрү жайнап кетти.

- Чын айтам, азыр иштей бер, өзүм телефон чалам, жарайбы? - деди Турдумамбет ага, бирок Айзаданын көздөрүнөн бир башкача бактынын учкундарын сезди, өзүн көз айрыбай карай берген кызды аста чоочутпай, - Бара гой, жумуш бүткөн кезде сен чоң жолдон күт, - деди.

- Макул, агай, - деди да Айзада шыпылдап жөнөп, босогого жеткенде артына бурулуп, - Рахмат агай, сизге денсоолук тилейм, - деп чыгып кетти. Турдумамбет башын ийкеп кала берди: "Балким ушул кыз болуп жүрбөсүн, жаш кыз экен, сүйбөскө болобу мындай сулууну, жаштыкты дал ушундай кыздар кайрып берээри бышык эмеспи", - деп Турдумамбет өзүнчө мулуңдап алды. Кечке маал жумушчу топ алмашкан маалда Турдумамбет кабинеттен чыкса Айзаданын орду бош, эки жагын карана кулпулап коюп сыртка чыгып кулачын кере боюн жазып алды да машинасын айдап чыкты, көз алдында Айзада, мейманканадан чыгып чоң жолго чыгып бир аз жүргөндө жол боюнда кумурска бел, элик бут Айзаданы көрүп токтотту да салып алды:

- Көп күтпөдүңбү?

- Жо-ок, - Кысына алдастай жооп кылды кыз.

- Кана, өзүң жактырган кафе, рестораның барбы?

- Жо-ок, - Кыз башын чайкады, - Билбейт экенмин.

- Анда "Хан-Теңгри" ресторанына кирели ээ?

- Өзүңүз билиңиз, - Кыз кысына жооп берди.

- Анда ушул жерден тамактаналы, - деди да Донецкий менен Советский көчөсүнүн бурчунда жайгашкан заңгыраган ресторанга киришти. Турдумамбетке азыр убактылуу болсо да эркектик кумар менен көңүлүн ачуу керек болчу: "Жаш дене, жаныңды жыргалга батырат, деги өзү ким, кызбы же келинби?", - деп ойлонуп орун алышты, эки жүздөй адам батчу чоң залга кирип тээ бурч жагынан орун алды. Айзада жайгашкандан кийин:

- Агай, эмнеге "Хан теңгри", - деп койгон, теңири деп айтылат го? - деди.

- Ошондой, азыр чала сабаттар тактап сүйлөгөндү билимдүүлөр талашканы менен чече албай келе жатышат, - деди Турдумамбет.

- Сиз абдан тегиз адамсыз.

- Кандайча?

- Сөзүңүз эле укмуш, - Айзада кымырына сүйлөгөнү менен жалжылдап дале Турдумамбеттен көзүн ала албай тура берди, ошол кезде алдыга тамак алып келди официант.

- Кел Айзада, тамакка карайлы.

- Адегенде сиз алыңыз, агай, - деп жаркылдай күлүңдөдү Айзада.

- Кел эмесе, - Турдумамбет тамакка кашык салып кыздан көзүн ала качып негедир тайсалдап турду. Ошентип Турдумамбет кызды чын пейилден жактырып калды, бирок кечээ эле аялынан айрылганга тез арада үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан сыртынан сынап ички оюн ачык айтпай жүрө берди.

Ошол арада Акжаркын турмушка чыкты, ал өз тагдырына ыраазы болуп, Турдумамбет кеткендеги ызасын, аз убакыттын ичинде өзүнүн тагдырына таарынган учурун эстеп өзүнчө жылмайып алчу болду. Азиза канчалык каршылык кылып атасына таарынганы менен баары бир келбей кое албады. Ал Акжаркынды ичинен жаман көрсө да Канымгүл эжеси, иниси болбой айтып жатып көндүрүштү. Ысмайыл чакан үлпөт той өткөрдү, Бектур менен Назым тойдо чогуу болду. Ушул учур Акжаркындын эң бактылуу кездеринин бири болду бейм, дүйнөдө андан башка жан жоктой жаркылдап көңүлү куунак болуп жүрдү. Болгон ич күптүсү, арманы жакын адамдары ушул күндө жанында болбогону эле, бактысы жанып турганда ата-энесинин кубанып турганын көргүсү келип бир саам эстеп көзүнө жаш кылгыра мелтиреп туруп калганда:

- Жакин, кабагыңды бүркөбөчү, жаным, - Ысмайыл байкап калып үйрүлө калды, - Неге ойлонуп кеттиң?

- Исаке, мен ата-энемди ойлонуп турам, жападан жалгыз бул дүйнөгө таштап коюшуп өздөрү жок…

- Жарыгым, жаркылдап турчу, сен жалгыз эмессиң, мен турам го, сени жарым мүнөт жалгыз койбойм, - деп чекесинен өөп күткөн элди көздөй басты. Чогулган эл шатырата кол чаап тосуп алышты. Канчалаган көздөр экөөнү гана карап кызыктуу кино көрүп жаткандай бири суктанып, бири-бирине күбүрөп шыбырап сөз кылып да жатышты. Адам баласы жүргөн жерде аласы да, куласы болот эмеспи, алардын жаш айрымасын да кеп кылып бүтпөй калышты. Ошентип куттуктагандар, белегин таршыргандар андан көп болду, тойдун башталышы шаңдуу башталып эки катар узун үстөлдөн орун алып тамакка карашты. Вокалдар кагышып каалоо сөздөр айтылып эки жубайга денсоолук тилеп турду келген эл. Эл тарагандан кийин ага-туугандары менен үйүнө келишти, бака-шака болуп Ысмайылга жакшы тилектерин айтып босогодон кирип келе жатканда алдынан сексендеги апасы тосуп келинге өзү арнаган жоолугун салып, экөөнүн алдына чачыла чачып ак батасын берди:

- Көшөгөң көгөрсүн айланайын, Ысмайылим менен кармашкан колуңар жазылбай ылайым бирге болуп, башыңардан бак-дөөлөт кетпесин, душмандын сөзүнөн, жамандын көзүнөн сактасын жараткан, Оомийин аллаху акбар! - деп алакан жайып бата кылганда баары жапырт алакан жайып бата кылышты.

- Айтканың келсин апа, Исакем бактылуу болсун, - деп Канымгүл апасын колтуктап төргө басканда Ысмайыл Акжаркынды колтуктап залга өтүштү. Жамалы жайнаган келин көптөн күткөн тилеги орундалып, тирүүлүктүн өзү тартуулаган чоң бактысына туш болду. "Той да болот, тойдун эртеси болот", - дегендей куттуктап келген туугандарынын аягы суюлбай күнү куру эмес конок тосуп жатты. Эл деген эл, адам баласы колунда бардын кулу болууга даяр болуп бөдөнөнү бөлө, таранчыны тага деген жайы бар эмеспи, кокус колунда жок болсо толгон туугандары да катарга алып кадырлабай өткөрүп ийет көп учурларда. Анын сыңары Ысмайылдын төбөсү көрүнүп, тааныш досторунун баары интеллигент, жогорто иштеген адамдар болгондуктан эртели кеч иши түшөөрүн ойлоп мындайраак тууганы же жөн эле жердеши да келип "Исакелеп" турган чагы. Анткени балдарын окутканы сөзсүз тааныш издеп келишет, Ысмайыл өзү да адамгерчиликтүү болгондуктан баарына тегиз карап колунан келгенин аянбаган адам. Акжаркын ушул учурда өзүнчө ойлонуп алды: "Бакыт оошот, ырыс жугушат", - деген чын тура, эгерде Туку менен көзүм ачылбай жашап жүрө берсем кандай болот эле? Ооп келген бактымды кудай кут кылсын, Гүлү байкуштун мени кордогусу келгенин жактырбаган кудай мага Ысмайылды туш кылды. Балдарым кашымда болот, бул мага бакыттын ооп келиши", - деп ойлонуп алды.

Арадан бир жыл өткөндө Турдумамбеттин үйлөнгөнүн укту, ал кадимкидей эле үлпөт той менен үйлөндү, бакыйган мейманкананын башчысы, Адис атасынын машинасын айдап өз үйүндө жашап жатты, Айбийке апасынын жанында, баягыдай көргөн жерде бири-бирине кыжынбай сыйлашып, балдарынын маселесин биригип чечишет. Ысмайыл Акжаркынды өзүнүн ишканасына ишке орноштуруп койгон, бирге барып бирге келет, кайненеси үйүнө келип төрүндө балпайып отурса ага чын дилинен кызмат кылат, басса-турса алкап бата берип турган сексендеги карыны көзүнүн карегиндей караганга өзүнө-өзү ыраазы. Бакыт деген ар бир адамга келгени менен кармана албаса колдон учуп кетет эмеспи? Эмесе, адамзатым, баарыңарга сүйүү берсин жараткан - бар тура сүйүү деген!

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз