Айгүл ШАРШЕН


"Унуталбайм"


- Кайда барасыз? - деди тиши тишине тийбей.

- Түш, анан сүйлөшөбүз, суу болуп калыпсың, ооруп каласың.

- Рахмат агай, боорукер адам бар экен ээ? - деп алдыңкы орундукка отуруп эле сумкасынан жүз аарчы алып чыгып аарчынып жатып тартынчыктай үн катты, - Суу болуп кеттим, күн дегеле өчөшкөндөй жаап жиберди, кечириңиз төшөгүңүз суу болуп калаар бекен?

- Эч нерсе эмес, ал төшөк сизден кымбат эмес, - деп Арстан көздөрү балбылдаган кызды жылмая карады.

- Ошондой болсо да…

- Кайда барасыз?

- Ала-Тоого, а сизчи?

- Мен дагы, жолубуз бир экен.

- Оой чын элеби, ырас болгон тура, - Кыз кубанып кетти.

- Атың ким чоң кыз?

- Алима.

- Мени Арстан байке дей берсең болот.

- Жакшы, сизге көптөн-көп рахмат, - Салонго киргенден кийин үшүгөнү басылып денеси балкый магдырай түштү.

- Кайдан келе жаттың эле?

- Окуйм, педучилищада.

- Жакшы, ата-энең менен турасыңбы?

- Жок, батирде турам.

- Оо жаман экен, эгерде туура көрсөң менин үйүмдө тура бер, бекер эле, - деп Арстан кызды көз кыйыгы менен карап коюп кетип баратты. Алима үн дебей отура берди, бирок чынында бекер жашоо кимди кызыктырбасын, апасы эптеп окуганына акча салат, сабактан кийин кафелерде иштеп өзүнүн баскан турганына тыйын-тыпыр таап алчу. Телефон менен сүйлөшүп бүткөн Арстан кызга кайрылды, ал өзүн жаман сезип башын ары бурду, - Кана, менин сунушум жактыбы Алима?

- Ойлонуп көрүшүм керек, бирге жашаган кыздар бар.

- Макул, менин телефонум бар, эгерде көөнүңө туура келсе өзүң чал.


- Макул байке.

- Кана, кайсы көчөгө киребиз?

- Жетип калдым, ушул жерге токтосоңуз, - деди кыз шашыла, ойлонуп келе жатып келип калганын сезбей калыптыр, - Сизге рахмат байке, - деди да түшүп баратып дагы рахматын жаадыра басып кетти. Кыздын аруулугун, назиктиги менен сулуулугу төп келишип турганын сезди Арстан: "Кайдагы ойду ойлоп турам, жаш кыз экен, мен элүүгө кирип калдым, өзүмө ылайык жар издешим керек", - деп кыздын жоодураган көздөрү көз алдынан кетпей үйүнө келди. Ал келсе Нурдин даярданып Америкага кеткени жаткан экен.

- Ата, менин самолетум кечинде учат, кетип жатам.

- Жакшы болот, аман-эсен жетип ал, уулум, - Арстан уулун аэропортко алып жөнөдү, кечки алтыда самолет учуп кетти. Арстан жападан жалгыз калды, үйүнө келип эми отурганда кызматчы аял алдына тамак алып келип койду. Ойлуу отуруп тамактанды да өз бөлмөсүнө кирип кетти. Улам эле көз алдынан Алима кетпей кылт этип туруп алды. Күндө жумушуна барып кайра келет, кол алдында иштеген Камбар деген адам ар дайым ишеничтүү жумушчусу, болгондо да ишкананын толук эсеп-чоту ошонун колунда. Убакыт өтүп арадан эки-үч ай өтүп кетти, бир күнү иш телефону чырылдаганынан ала койсо чоочун номер:

- Ало, угуп жатам, - деди жай, - Ким экен? - Ар жактан назик тааныш үн угулду:

- Агай, мен Алима…

- Аа-а, Алима кандай, окууң жакшыбы?

- Жакшы агай, мен сиздин айтканыңызды ойлондум.

- Эң сонун, өзүм барып алып келейинби?

- Макул, агай.

- Жарайт, баягы жерден күтөм.

- Ооба, - деп телефонду коюп койду кыз.

Арстан дароо турду да сыртка чыгып машинасын айдап чыкты, көп өтпөй эле ал Алиманы жеткирип барган жолдон күтүп калды, ошол убакта кыз эки чоң сумкасын көтөрүп келип калды.

- Саламатсызбы, агай.

- Саламатчылык, жүгүң ушул элеби?

- Ооба, болгону ушул.

- Кеттик анда, - деп Арстан анын эки сумкасын багажга салып, өзүн жанына отургузду да жөнөп кетти. Кыз негедир Арстанды жалт-жалт карап коюп баратты, аны сезген кыраакы неме оюнда аны жактырып: "Көздөрүндө оту бар кыз экен" - деп ойлоп койду.

- Агай, сиздин үйүңүздөгүлөр эч нерсе дебейби? - Кысына сурады.

- Үйдө эч ким жок, балам Америкага кетти.

- Аялыңызчы?

- Ал дагы окууга кеткен.

- Каякта окуйт? - Таңгала карады, - Эми окуп жатабы?

- Ооба, билимин тереңдеткиси келет, - деп Арстан жылмайып койду.

- Жакшы экен, аялыңыз жашпы?

- Ооба, он сегизде.

- Ай-ий, аябай жаш го?

- Мен картаңмынбы? - Арстан кызды көздөй жүзүн бурду.

- Жок-жок, мен жөн эле, - Кыз тайсалдай дагы бирдеме айткысы келгени менен айта албай жолду карап калды.

- Канчанчы курстасың?

- Төртүнчү.

- Оо, анда картайып калган турбайсыңбы?

- Коюңузчу?

- Койбой эле, илгерки кыздар он алтысында кара далы болуп күйөө албай койчу да, - Тамашалай карады.

- Азыр андай эмес да, каалаган кезде үйбүлө күтсө болот.

- Туура-а, - деди анын сөзүнө муюгандай Арстан, - Азыркы жаштардын доору…

- Эмнеге андай дейсиз?

- Заман, адамдардын кулк-мүнөзү өзгөрүлдү. - Алима унчукпай калды. Аңгыча үйүнө келип эшикти бир адам ачты эле эшиктин алдына кирип токтотту. Алиманын сумкаларын өзү көтөрүшүп кирди да, - Отур, эс алып тамактанып алгын да бөлмөңдү көрсөтүп берем, сабагыңа даярдан, - деди Арстан өзүнүн кызына буйрук бергендей.

- Макул, - Алима баш ийкеди. Ал күнү бөлмөсүн көрсөттү эле ага абдан жакты, батирдеги бир бөлмөгө караганда өзүнчө эле жыргап калды.

Ошентип билинбеген сезимдер экөөнү байланыштырып жыл айланбай чоң той берип үйлөнүп алышты. Арстан Нурдинге сүйлөшкөндө үйлөнгөнүн айтты эле ал куттуктап жакын арада бараарын айтты. Турмуш дегениң ийненин көзүнөн өткөндөй эле чоң сыноо эмеспи, Нурдин жайкы саратанда Америкадан келе жатканын айтканда Арстан аэропорттон тосуп алды. Баары үйгө келе жатканын айтканда атасынын аялы Алиман экенин көргөндө эле оозуна сөз кирбей, көзүнө ызанын кеги пайда болуп тамак жүрөгүнө барбай бир аз отуруп эле өз бөлмөсүнө кирип кетти. Арстан анын оюн башкача түшүндү: "Жаш аял алып алды деп таарында окшойт", - деген ойдо үндөбөдү. Нурдин бир жумадай жүрүп фирманын ишин өзү колго алып иштеп калды, ал үстүңкү кабатта турат, эртең мененки чайды чогуу ичишет, кечки тамакта үстөлдө бирге отурушат. Жыл айланбай Алима кыз төрөп алды. Бир күнү өзү жалгыз кызын карап отурганда Нурдин:

- Сен эмне максат менен атама тийдиң? - деди көзүнүн төбөсү менен карап.

- Сүйүп тийдим, эмне күнөөбү?

- Жок, сен сүйгөн жоксуң, байлыгы үчүн тийдиң. Эсиңде болсун, кызың экөөңө тең эчтеке ээ кылбайм!

- Сенин байлыгыңа кызыкканым жок, экинчи мага андай кебиңди коюп жүр!

- Ыкы-ы, кантип кызыкпайсың, болбосо мени сүйөм дегениң жалган беле, мага тийгенден балким кедей деп ойлоп корккондурсуң?

Кекете карады.

- Нурдин, мен сени тааныбайм, мен өзүм каалап кошулган адамым менен тынч жашайын, өз жолуң менен бол! - деп Алима өйдөкү кабаттагы кызынын бөлмөсүнө чыгып барып ичинен илип алды.

- Калп, сен мени сүйчүсүң, - деп күңкүлдөгөн Нурдин эшикке чыгып кетти. Алима кыжаалат болуп кала берди.

Арстандын мындайраак карындаштары бар эле ал келип калды, ал жерде жүрүп эки жылдан кийин күйөөгө тийип кетти, андан кийин Алиманын бир тууган сиңдиси Салима келип жүрүп калды. Нурдин Алимадан өч алыш үчүн анын башын айлантып көз көрүнөө ээрчитип чыгып кетчү болду. Алима аны байкап:

- Салима, этият бол, ал сени жөн гана алдап жүрөт, тилимди алсаңчы, - деди жаны ачый.

- Эже, мен аны менен жөн эле сүйлөшүп коем, ортобузда эч нерсе жок.

- Ошондой эле болсун.

- Кам санабачы эжеке, кантип эле кудам менен жүрүп алмак элем? - деп Алиманы кучактап өөп койду.

- Байка, бир балээге кабылып жүрбө.

- Эч кандай жаман ойду ойлобо, - деп коюп чыгып баратканда үстүдөн түшүп келе жаткан Нурдин:

- Салима токто, чогуу кетебиз, - деп Алиманы бир карап коюп Салимага жетип колтуктап чыгып кетти.

- Акмак! - деп угулаар угулмаксан кылып айтты да отуруп калды Алима.

Күндүзү Арстан өзүнүн фирмасына барып көзөмөлдөп кайра келет, уулунун кандай иш алып барып жатканын, кандай жылыш, өзгөрүү болуп жатканын текшерет. Алима кызы менен үйүндө болот керээлден кечке, жүрөгү түпөйүлдөнө: "Арстандын Нурдиндин атасы экенин билбегеним жаман болду, буга чынында кыйын жашоо түрткү болду, бирок мен Арстанды жүрөгүм менен каалап чыктым да, анда күнөөм кайсы", - деп мелтиреп ойго батат. Кызы Аселдин бир жашында жакын туугандары жана коңшусу Урмамбет үйбүлөсү менен куттуктап отуруп бийлеп жатканда Салиманы Нурдин чакырып алды. Баарын байкап турган Алима анын артынан чыгып аңдып турса экөө ээрчишкен бойдон машинага отуруп кетип калышты.

Убакыт деген учкан куш эмеспи, Асел он алтыга чыгып өтө эрке кыз болду, Арстандын үйүндө жүрүп турмушка чыккан Гүлнур төркүн кылып катташып турчу, анын күйөөсү Темирлан менен Асел бири-бирине жакын болуп баратты. Айрыкча Темирлан кызды жан дили менен сүйдү беле, аялына анча көңүл бурбай баратты. Эки кызы бар, алар Текиш деп атасына жакын. Темирлан дагы кийинки кездери аялына эмес, кыздары үчүн гана жашап жаткандай сезилет. Алардын кафеси бар, бир жыл мурун кара жанын карч уруп иштеп жүрүп ошол кафени сатып алышкан, балдары менен өздөрүнө жетет. Жашоолору ойдогудай. Гүлнур жароокер жакшы аял, күйөөсүнүн кийимин кирдетпей, балдарына камкордук кылып үйүндө, анын эмне иш кылып жатканын билбейт дагы. Темирландын жардамчысы Акмат ар дайым ички жана тышкы иштерин өзү бүтүрчү, Темирлан болсо селкисин машинасына отургузуп алып кете берет. Бир күнү Асел Темирландын мойнуна колун артып:

- Темиш, ушинтип эле жүрө беребизби, атамды билесиң, эгерде ал укса инфаркт болот, - деди.

- Чыда жаным, мен Гүлнур менен ажырашам, бирок кыздарымды кыялбай жатам, аларды мага бербейт го?

- Бербесе мейли, ал энеси го, бага берсин, биз ээн-эркин жыргайбыз да, туурабы? - Секире бетинен өөп койду.

- Асел, мага кыздарым абдан кымбат, кыздарды ага калтырбайм, ала кетишим керек, - деди Темирлан кыздын мойнундагы колун аста түртүп мен аларсыз эч жакка кетпейм!

- Менин, абийиримдин төгүлгөнү сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы, анда мага сенин керегиң жок! - Асел өзүнүн жеңил, сөз көтөрө албастыгынан дароо артына кайрылып тез-тез басып кетип жатты.

- Асел, токточу Асел! - Темирлан жүгүрүп барып карыдан алды, - Эмнеге сөзүмдү укпайсың, кыздарды алабыз дагы чогуу шаардан чыгып кетебиз.

- Кала бер үйбүлөң менен, эми мага керегиң дагы жок! - Асел ыйлап жатты, - Азгырып, сүйөм-күйөм деп бузуп койгон соң сага менин керегим болбой калды да, - Асел Темирланды түртүп ийди, ошол кезде анын телефону чырылдап калды, шашыла ала коюп:

- Азыр барып калам Гүлнур, - деди да өчүрө салды, - Тамара ооруп калыптыр, барышым керек, - Аселге кайрылды.

- Кете бер!

- Койчу эми, таарынбачы жаным, менин периштем, жүрү сени жеткирип коеюн, - деп кызды колдон алды, Асел үн дебей машинага отуруп экөө тең унчукпай кете берди.

Темирлан Аселди үйүнүн жанына түшүрүп коюп үйүнө кетти. Кызы атасын абдан жакшы көрчү, ал келгенде көзүн ачып:

- Ата келдиңизби? - деди Тамара.

- Сиз кечээ келбей калсаңыз эле ооруп калбадымбы, - деди улуу кызы Самара.

- Кызым иштер көп болуп жатат, кол бошобой, - Темирлан эки кызын өөп актанып жатты, - Силер үчүн жасаган ишимдин баары.

- Темиш, сен мурункудай эмессиң, сени менен басып кетип карыган атамдан да жат болгонумду билесиң, - деп Гүлнур күйөөсүнө таарыныч кыла сүйлөдү.

- Эмне деп жатасың, иш чачтан көп, - Темирлан аялын уккусу келбей кызына бурулду, - Эмне алып келип берейин? - Ошол кезде эч нерсе билбегендей Асел кирди.

- Аа-а, Асел, кандайсың, кел, - Гүлнур аны жакшы тосуп алып экөө өбүшө учурашты, - Акемдер кандай жатышат?

- Баары жакшы, Тамара ооруп жатабы? - Тастаңдап сыр билгизбей артынан кирип келген Аселден көзүн ала качып Темирлан жөн салды баш ийкеп койду да кызынын жанына отуруп калды.

- Кайдан жүрөсүң, Асел? - Гүлнур андан сурап койду.

- Жай, көчөгө чыккам, анан силердикине кире кетейин деп эле.

- Келгениң жакшы, - Гүлнур күйөөсүн бир карап койду, - Жүрү чай-пай ичели, - Ашканасын көздөй басты. Гүлнур чай алып келип экөө маңдай-тескей отуруп чай ичип жатты.

- Өзүң кандай эже, үйдө элесиңби? - Асел сынай карап суроо узатты.

- Ооба, үйдө элемин Асел, чынын айтсам жаман, - Ойлуу чынысын карап туруп кайрадан сөзүн улады Гүлнур, - Биздин жашообуз болбой баратат…

- Эмнеге? - Билмексен болуп сурады.

- Өзүм дагы түшүнбөй калдым, Темирландын көз карашы, мүнөзү таптакыр өзгөрүп кетти, кандай экенине көзүм жетпейт.

- Неге андай, силер бири-бириңерди сүйөсүңөр да?

- Ооба, сүйүшүп баш кошконбуз, Темирландын айынан апама каттабай калдым, ал мени өлгөн кыздын бири деп койгону качан? - Улутунуп алды.

- Кабатыр болбо, балким жүйөөлүү иши бардыр?

- Андай болсо мени менен кеңешпейби…

- Билбейм, Гүлнур эже, эч нерсе деп айта албайм, эмесе мен кетейин, - деп кайсактай, Асел чыныны ары жылдырып өйдө болду.

- Отурсаң боло?

- Жок, жөн эле кайрылгам, кетишим керек.

- Макул анда, акем менен жеңеме салам де.

- Жарайт, - деген Асел кайрадан кыздардын бөлмөсүнө кирип Тамара менен Самарага учурашып анан үйдөн чыгып кетти. Кетип баратып: "Али көрө элексиң, Темирлан ажырашаарын айтканда эмне болоор экенсиң", - деп өзүнчө Гүлнурду мазактагандай күлүп койду. Бирок жашоо кемеси кээде толкунга туруштук берип кыйынчылыктан такалбай өтүп кетсе, кээде толкундун түрмөгүнө оролуп жээкке сүрүлүп калган учур болот, ошондо кандай абалда калаарын азыр оюна да албады. Бир күнү ал тамак иче албай жүрөгү айланганда Света деген аялдар врачына келди, экөө башынан курбу эле.

- Света, мени көрүп бер, эмнеге мындай болгонун түшүнбөй турам.

- Жарайт, азыр эле билебиз, - Света аны узиге тартып көрүп көзүн бакырайта карады, - Асе-ел, сенин беш жумалык боюңда бар экен!

- Койчу?!

- Ырас айтам, эми кантесиң?

- Билбейм Света, анда Темирланга барып айтышым керек.

- Ал эмне демек эле, алдыр десечи?

- Эмне дедиң, алдыр деп-пи? - Асел саамга ойлуу отуруп анан Светаны карады, - Мен ага жол бербейм, бул баланы мен жарыкка алып келем!

- Жинди болбочу, анын үйбүлөсү бар эмеспи?

- Болсо боло берсин, мен аны сүйөм, Света.

- Түшүнбөдүм, ал сенден баш тартсачы?

- Баш тартпайт, эгерде баш тартса мен үйүнө барып баардыгын ачык айтамын, - деди Асел.

- Койсоңчу Асел, анда ата-энең дагы билсе эмне болоорун ойлодуңбу?

- Билсе биле берсин, мен өз сүйүүмдү коргошум керек, Темирлан менден баш тартса үйүн өрттөйм! - Асел кушеткадан туруп босогого жетип эле телефонун терип кирди, - Ало Темиш, кандайсың? - деп кубанычтуу адаттагысындай эле учурашты, Темирлан аялы менен кыздарынын жанында болчу, туруп башка бөлмөгө кирди да:

- Эмне болду Асел, мен азыр үйдөмүн, - деди эшигин беките.

- Сага сөзсүз жолугушум керек.

- Бүгүн жолуга албайбыз го, кызым чыгарбай жатат.

- Неге, бүгүн жолукпасак жарылып кетем, жаным, сага айтаар жаңылыгым бар.

- Кандай?

- Көзүңчө айтышым керек.

- Токто, баягы жолугуп жүрчү дачага бар, мен ошол жерден күтөм.

- Жара-айт, жаным, - Телефонун өчүрө Светага кайрылды, - Мына иш чечилди, биз баарын таштап бул шаардан чыгып кетебиз, көрөсүң го, биз бактылуу болобуз, курбум! - Светаны кучактап өөп анан кетмек болду, - Давай анда көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - деп кала берди Света, бирок курбусуна жини келип турду: "Бирөөнүн көз жашынан бакыт курулабы, эси жокту кара, кыздарын атасыз калтырып ээрчитип кеткиси бар, атасы билсе мындан кечип коюшу мүмкүн, ушунчадан жездесин таап алганын кара, сүйүү деп коет, ушул кантип сүйүү болсун", - деп ойлонуп алып өз ишине киришти. Асел өзүнүн машинасы менен дачага барып чыдамсыздык менен күтүп жатты, ала келген жумурткасын кууруп, үстөл үстүн даамдуу тамакка толтуруп күтүп отурганда Темирлан келип калды.

- Келдиңби жаным? - Асел мойнуна асыла кубанычтуу тосуп алды.

- Келдим, кандайча маанилүү жаңылыгың бар? - Темирлан дагы кучактап өөп экөө колтукташа ичкери кирди.

- Азыр мынабу мен жасаган даамдуу тамактан ооз тийгенде, анан айтам, - деп Асел жылмая анын жаагынан өөп өз ордуна өттү, - Кана кандай даамдуу болгонун көрчү.

- Айтпа, ушунчалык даамдуу кылып жасаганың мен үчүнбү?

- Албетте сен үчүн да, аныгым менин, бактым-ырысым менин.

- Кана айтчы, кандай жаңылыгың бар? - Темирлан Аселди тикчийе карап калды, - Сүйүнө турган кабарбы деги?

- Кубанасың жаным, эгерде кубанбасаң анда мен "бомбаны" жарам, - Жылмая карады.

- Ал эмне дегениң, эмне болсо да айтчы бай болгур.

- Айтайынбы? - Асел анын көздөрүнө бир саамга тигиле ордунан туруп келип Темирланды аркасынан кучактап кулак тушуна, - Менин боюмда ба-ар, - деди жай гана.

- Эмне дедиң?! - Темирлан уккан кулагына ишенбей кайрылып Аселди карады, - Эмне дейсиң?

- Менин боюмда бар!

- Ушунуң чынбы?

- Чын, эмнеге калп айтмак элем?

- Биз али ажыраша элекпиз да, азырынча кое туруу керек, качан экөөбүз тең эркин болгондо гана бала жөнүндө ойлонушубуз керек, Асел! - Ордунан туруп ары-бери баса баштады.

- Силер эркектер баарыңар ушундайсыңар, - Асел отургучка шалак отуруп ыйлай баштады, - Калп сүйөм-күйөм деп өзүңөрдүн оюңарды ишке ашырып алгандан соң ишиңер да болбой калат.

- Асел, мени түшүнчү мени, биз али ажыраша элекпиз.

- Анан эмне кыл дейсиң? - Асел Темирланды сынай жооп күттү.

- Алдырып коюш керек. Сенин атаң, Нурдин менин теңтушум болот, ал укса экөөбүздү тең соо койбойт.

- Мен эч нерседен коркпойм!

- Түшүнсөң, атаң дагы уруксат бербейт, агасы катары Гүлнурду жакшы көрөт, бизди алар кечирбейт, - деп Темирлан жанталаша Аселге түшүндүрүүгө далбас кылып жатты.

- Эмесе мен башкага күйөөгө чыгам, баланы алдырбайм! - Асел сыртты көздөй булкуна чыгып кетти.

- Асел, токто, Асел дейм! - Экөө кууша чыкты, Асел өзүнүн унаасын айдаган бойдон кетип калды, андан кийин башын мыкчыган Темирлан аркы-терки басып ойлонуп кайра-кайра Аселге чалса ал албады, акыры ал дагы өз машинасын айдап жолго чыкты. Асел ачуулуу айдап келатып жолдон таанышы, атасынын ишканасында иштеген Урматты көрө калып машинасын токтотту да башына бир ой келди.

Бир жолу Асел менен Урмат жаштар менен эс алууда чогуу болуп кызуу абалда бирге жатып калышкан эле. Жым эле дей түштү:

- Урмат! - деди дароо унаасынан түшө калып, Урмат абдан жоош жигит, ата-энесинен экөө эле, бир кыз, бир уул. Ал бурулуп Аселди көрүп токтоп калды, - Урмат, кандайсың? - деп Асел жайдарылана учурашты.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жайында.

- Кайдан келе жатасың?

- Жумуштап. Урмат сенин менде көңүлүң барбы?

- Эмне? - Урмат таңдана карап калды.

- Өзүң билесиң да, мен өз сезимимди эч качан жашырбайм, сенин мени жакшы көрөөрүңдү билем, сен уялчааксың, балким айталбай жүргөндүрсүң? - деп маңдайына тура калып галстугун түзөп койду.

- Асел, түшүнсөм буйрубасын, эмне деп жатасың?

- Кыскасы мен сени башынан жакшы көрөм, үйлөнүп албайлыбы?

- Кызык, ойго келбеген иш го?

- Эмнеге, көнүшүп кетебиз, мен сени жакшы көрөм, Урмат.

- Ойлонуп көрүш керек, - деди да Урмат бараткан жагына басты.

Асел акырын машинасына отурду да алаканын жанып алды: "Демек Урматты чаптым, ал менден баш тартпайт, башы бош", - деп кубана үйүнө келди. Урмат фирманын жооптуу адиси, көп иштерди өзү алып барат, анын бала кезинен ойноп бирге чоңойгон Марина деген кызы бар, ал экөө тең ошол жерде иштешет. Марина абдан жөпжөнөкөй кыз, ишине эт-бети менен түшө калып берилген кыз, апасы жок, атасы, бир тууган агасы, агасынын бир баласы бар. Өз үйү кабат үйлөрдө, эки бөлмө үйдө эл катары турушат. Бирөөгө кара санабаган, өз эмгеги менен жашап келе жаткан үйбүлө, башка адамдардан жардам күтпөгөн, жардам берем деген адамдан намыстанып кетет Марина. Ошол күнү Урмат Марина экөө ар дайым жолугуп жүрчү бакка келди, ойлонуп Аселдин айтканын эстеп отуруп чындап эле үйлөнгүсү келди, бирок жашоосу тозокко айланып азапка кабылып Маринасыз жашай албасын кеч сезип, өзүн-өзү күнөөлөп акыры экөө кандай чечимге келээрин али оюна да албады.

- Аа-а Урмат, сен бул жерде белең? - деп Марина келип анын жанына отурду, колунда эки сендвич бар эле.

- Сени күтүп жатам, - деп тамашалады Урмат.

- Чын элеби? - Маринанын көздөрү жайнай жигитти карады: "Балким сени сүйөм деп айтканы келгендир, ооба, мен дагы Урматты сүйөм", - деп ага жакындай оозун карап калды, - Бул сендвич сага, - деп кошумчалап койду.

- Марина, мен үйлөнгөнү жатам.

- Кача-ан?! - Кыз ого бетер кызыга карады.

- Жакында, - деген Урмат да анын көздөрүнө тигилди.

- Жакшы жаңылыгың бар экен, - Марина ойлуу сендвичти оозуна салды, - Кимге үйлөнгөнү жатасың?

- Марина, сүйүү барбы же жокпу билбейм, бирок үйлөнүш керек.

- Үйлөнгөнүң дурус го, бирок айтчы, кимге үйлөнөсүң, Урмат?.

"Сага, Марина, сага үйлөнөм, биз бала кезден бири-бирибизди сүйөбүз да", - деп айтат деп тигиле карап тура берди, чынында Урматты өзү да сүйчү.

- Аселге!

- Ыя?! - Маринанын колундагы сендвичи түшүп кетти, - Кайсы Асел?

- Арстандын кызы, биздин фирманын президенти.

- Ошондойбу? - Кыз ордунан туруп бак аралай басып баратты, Урмат анын артынан жете келди.

- Марина, айтчы, Асел жагабы сага?

- Жагат, килтейген фирманын жетекчисинин эрке кызы, - деди астыраакта бараткан Марина ызалуу.

- Ошондой, эми бойдоктук менен коштошот окшойм.

- Жакшы, бактылуу бол.

- Рахмат, мен сени менен кеңешейин дегемин, бала кезден экөөбүз ойноп чоңойдук, бири-бирибизди билебиз, кыскасы жакын доспуз, туурабы? - Урмат ага тигилди.

- Туура-а, биз бала кезден доспуз, - деген Марина ыйлагысы келип араң турду, бирок намысын кармап кайра Урматка кайрылды, - Мен жумушка барышым керек, - деп жөнөмөк болду.

- Чогуу барабыз.

- Жок, мен өзүм эле, - деди да ылдамдай басып кетти.

Негизгиси экөө жакын кабинетте отурушат, Марина келип эч нерсеге көңүлү келбей курбусу Айзатка телефон чалды. Экөө жолукчу жерди болжоп анан кабинеттен чыгып баратканда Урмат келди:

- Кетип жатасыңбы?

- Ооба, иш чыгып калды, - Марина Урматты көргүсү келбей тез басып чыгып кетти. Ал унчукпай бир аз карап туруп анан ордуна келди. Аселдин айтканын эстеп, Маринанын бала кезде өзү менен ойногонун, баары көз алдына келип бир чечимге келе албай өзү да жумушка көңүлү келбей бат эле үйүнө кетмек болду.

Марина Айзат экөө жолугуп учурашып отураары менен ал:

- Көңүлүң чөгүңкү да, эмне болду? - деди.

- Айзат, мен жаман абалда калдым, - Араң турган Марина ыйлап курбусуна боюн таштады.

- Эмнеге, эмне болду деги, кайраттуу элең го?

- Жаман, сен Урматты билесиң го, ал экөөбүз бирге чоңойгонбуз, чогуу ойноп өскөнбүз, бирок мен аны сүйөөрүмдү ал билбейт.

- Билбесе айт, азыр илгерки заман эмес, аял-эркекке укук бирдей.

- Кантип, ал үйлөнгөнү жатпайбы?

- Кимге? Качан үйлөнөт экен?

- Жакында…

- Кимге?

- Арстан агайдын кызына, ал биздин жетекчибиз.

- Сүйлөшүп жүргөн бекен?

- Билбейм, эгер андай болсо билет элем, аябай шок болдум, - Соолуктап басылды, - Эми эмне кылам, Айзат?

- Сен ал үйлөнө электе алдын алышың керек, жолугуп сүйөөрүңдү айт, - деди ага Айзат акыл айта.

- Ошондой кылсам болобу?

- Эмне болбойт, эң сонун болот, сен өз сезимиңди билдирүүң керек.

- Анда эмне кылайын, азыр эле барып айтайынбы? - Маринанын көздөрү жайнап кетти, - Ал деле кайдыгер эмес Айзат, балалыгыбызда биз ар дайым үйлөнөбүз дечүбүз, биздин кичинекейибизде жазып койгон каттарыбыз дагы турат.

- Бар анда, иш узай электе сөзсүз айткын, - деп Айзат аны жолго чыгарып узатты, - Ылайым тилегиңе жет.

- Рахмат курбум, - Марина ылдамдай басып баратып телефонун терди, бир аздан соң Урматтын үнү угулду, - Урмат, колуң бош болсо бактан жолугалы, - деди Марина үнү дирилдей. Шашыла таксиге отура калып бакка келди. Эки жагын каранып тынчсызданып турганда Урмат көрүндү.

- Марина, эмне болду?

- Эчтеке, сага жолуккум келди, - деп Марина көзүн ала качты.

- Кел отуралы.

- Мм, мм…

- Марина, эмне болду, айтчы бай болгур? - деп Маринаны эки карыдан алып өзүнө каратты, - Эмнеге минтип сүйлөй албай жатасың?

- Урмат, Урмат, эмне дээримди да билбей турам, - Марина колдорун ушалап жер карады, - Эч нерсе деле болгон жок…

- Кел отуруп сүйлөшөлү.

- Жок, мен кеттим! - деп Марина сумкасын колуна кармап жүгүрүп бара жатканда Урмат жетип кармап калды:

- Эмнеге айта турганыңды айтпайсың, же мени мазактагың келип жатабы?

- Ооба, сенин көзүңдү ачкым келди, сен өзүң башканы сүйүп, башка бирөөгө үйлөнгөнү жатканыңды айткым келген! - деп Марина үнү дирилдей ызалана ага карады, - Сен жүрөгүңдү тыңшай албайсың, сүйүүгө түшүнбөйсүң! - деди да колун силкип басып кетти. Урмат делдейген бойдон кала берди: "Эмне деди, Марина мени сүйөт, мен аны сүйөмбү?", - деп ойлонуп кала берди. Марина ыйлап бактын аркы четине барып көпкө чейин ыйлап отуруп: "Мейли, мен сүйүүмө жетпей калсам калаармын, Урмат бактылуу болсун, ал мени сүйбөсө зордоп сүйүүмдү таңууламак белем?", - деп ойлонуп өзүн токтото көз жашын аарчып үйүнө жөнөдү.

Бул кезде Асел үйүнө келип апасына өз оюн айтып жатты:

- Апа, мен турмушка чыгам.

- Эмне, кимге чыгасың? - Алима кызын каш-кабагын тырыштыра карады.

- Урматка.

- Кайсы, Ырысбектин баласыбы?

- Ооба, - деди Асел тултуя.

- Сүйлөшүп жүрдүңөр беле?

- Ооба, мен аны сүйөм.

- Болуптур, атаң менен кеңешейин, - деп Алима үстүңкү кабатка чыгып кетти.

Асел: "Урмат үйлөнбөйм деп койсо эмне кылам, ага телефон чалып көрөйүнчү", - деп телефонун бураса өчүк экен, кыжаалат болуп ичин сыйпалап: "Чоңое электе мен бир жолун табышым керек, алдырбайм баланы, Темирландын көзүн күйгүзүп, төрөп алам да жүрө берем, эркекче сөз берип аткара албаса эмне кылмак элем", - деп ойлонуп өз бөлмөсүнөн чыгып баратса Нурдин алдынан чыкты:

- Ийи, кандай карындашым? - деп жүзүн өзгөртө карады, - Кебетең эмне, кийимиңди оңдоп жакшы кыз болсоң боло?

- Эмне болуптур, бул кийим акыркы мода, - Асел кыска, ийинден асылма, арты далысынан бери ачык көйнөгүн каранып койду.

- Моданы эмне кыласың, андан көрө өзүңдү ирээтке келтирчи.

- Ишиң болбосун, кандай кийинсем өзүм билем! - деп өтүп кетээрде Нурдин аны жаакка чаап калды эле Асел жыгылып кетти.

Алима чыгып келатып көрүп жетип келди:

- Уят эмеспи Нурдин, бул сенин бир бооруң го?

- Апа-а! - деп Асел тура калып апасын кучактап калды.

- Кызыңды адамдай жүр де, энекеси! - деп коюп түшүп кетти.

- Нурдин, өз карындашыңа ушундай мамиле жасаганың туура эмес.

- Апа, атама айтам, - Асел жаш балача ыйлап жатты.

- Кой балам, жамандык кылса өзүнө, - деп кызын өз бөлмөсүнө алып кирди. Асел долулана ыйлап көптө басылды…

Урмат кечинде үйүнө келе жатса телефону чырылдап калды, токтой калып:

- Ало, угуп жатам, - деп Асел экенин билди.

- Урмат, сен ойлондуңбу, мен сенин жообуңду күтүп жатам, апама айтып койдум, - деди Асел.

- Асел, ойлонуп көрөйүн, эмнеге шаштырасың, бир аз кое турбайлыбы?

- Жо-ок Урмат, мени бирөө ала качам деп тынчымды алып жатат, өзүм сүйбөгөн адамга кантип чыгам? - Ыйлап сураганы билинип турду, - Мен сенсиз эч жашай албайм, Урмат.

- Ойлонуп атамдарга айтайын, эртең жообун айтам.

- Чынбы, Урмат? - Асел кубанып кетти.

- Макул анда, - Урмат телефонду өчүрүп ойлуу үйүнө кирди.

Апасы Калима ал кирээри менен:

- Келдиңби уулум ишиң жакшыбы? - деп сурап калды.

- Жакшы, - деп Урмат өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Дал ошол кезде телефон чырылдап калды, анткени Аселден угуп алып Алима Арстанга айткан болчу, ал Ырысбекти тааныгандыктан өзү телефон чалып калды, озуна трубканы алган Калима:

- Ало, ким экен бул? - деди үнүн жасай.

- Мен Арстан, Ырысбек барбы, сүйлөшө турган сөз бар эле.

- Аа-а, азыр айтам, - Калима ашкана жакка үн салды, - Ырысбек, сага экен!

- Ким экен? - деп Ырысбек аялынын колунан трубканы алды, - Ало, угуп жатам.

- Ырысбек, жолугуп сүйлөшчү сөз бар, сен азыр биздин ресторанга келип калбайсыңбы?

- Жарайт, кандай сөз?

- Келгениңде сүйлөшөбүз, кубанычтуу кабарым бар.

- Барып калам, - деп Ырысбек трубканы коюп шашыла аялына карады, - Мага кийимдеримди таап берчи, Арстан ресторанына чакырып жатат.

- Оо кудай, ал эмнеге чакырып калды, Урмат анын колунда иштейт эмеспи?

- Кайдагыны сүйлөбөй бол эрте.

- Мына, кийин да жөнө, - деп Калима Ырысбектин кийимин берип жакаларын оңдоп сыртка чыгарды, - Жолуң болсун.

- Макул, кире бер үйгө, - деп Ырысбек үйдөн чыгып айткан жерге келсе Арстан күтүп турган экен.

- Кел-кел Ырысбек, кандай тынч жатасыңарбы?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар Аске?

- Шүгүр, - Арстан үстөлгө алып келди.

- Мындай эле сүйлөшсөк кантет?

- Жок-жок, азыр жай отуруп сүйлөшөлү, отур Ырысбек, - деп колун жаңсады, - Орун ал.

- Рахмат, - деп Ырысбек ыңгайсыздана отурду.

- Эмесе сөз мындай, - Арстан Ырысбекти ойлуу карады, - Биздин балдар бири-бирин жактырат экен, мен бүгүн уктум, балдардын келечегине кам көрүү экөөбүздүн милдетибиз, - деди олуттуу түрдө.

- Кандай-кандай, Асел менен Урматпы?

- Эмне, айтпадыбы?

- Жо-жо-ок, айткан жок эле, тартынса керек, андай болсо мен каршы эмесмин.

- Анда сөз жок, балдар өздөрү чечишкен экен анда, Асел абдан эрке кыз, апасы экөөбүздөн эч нерсе жашыра албайт, - деп Арстан алдыга келген тамакты жылдырды, - Кел эми даамдашалы.

Ырысбек уккан кулагына ишенбей таңгалып отуруп калды, бирок сыртына сөз чыгара алган жок. Көпкө отуруп сүйлөшүп Ырысбек анан үйүнө келди. Ал кирээри менен эле Калима жаадыра суроо бере баштады:

- Эмне дейт, ошондой чоң адам өзү чакырганына караганда бир кеп бар го дейм, балаңдын ишинде чатак жок бекен?

- Көп сүйлөбөй балаңды чыкырчы!

- Оп э-эй, эмне зиркилдейсиң, деги тынччылыкпы? - деп аңкая карады күйөөсүн, - Азыр чакырам, өзү деле угуп жаткандыр.

- Ата, эмне болду? - Урмат кирди.

- Отур!

- Капырай, кырып ийчүдөй болбой айтчуңду айтчы.

- Урмат, сен үйлөнөйүн деп жатасыңбы? - Ырысбек уулуна кайрылды.

- Ооба ата, - Урмат башын кашылай жер карады.

- Эмнеге айтпайсың анан, биз каршы болмок белек?

- Ата, мен айтайын дегем.

- Арстандын кызы менен сүйлөшкөнүң чынбы?

- Ооба.

- Анда мен үйүнө чалып эмки жумада бараарыбызды айтып коеюн, - деп Ырысбек телефонго карай басты.

- Ата, ошончо эртеби? - Урмат кайсалаңдай унчукту, ал азыр бир чечимге келе элек эле.

- Мынча болгондон кийин болоор иштин эртеси жакшы, сүйлөшүп жүрсөңөр эмнеге созмок элеңер? - деп Ырысбек болбой эле телефондон айтып салды. Урмат кыжаалат болуп өзүн бир жерге кое албай жатты, Маринанын жашка толгон көздөрүн, ачуулуу айткан сөзүн эстеп уктай албай чыкты, эртең менен эрте туруп жумушуна кетип калды, ал келгенде Марина келе элек болчу, кагаздарын карап жатса келип калды:

- Урмат, эрте келгенсиң го?

- Ооба, уйкучу эмесмин, - Урмат жылмая карады.

- Мен да уйкучу эмесмин, болгону саатында келдим, - деп өз ордуна өтүп отурду. Анан Нурдиндин кабинетине кирсе үч-төрт адам менен сүйлөшүп отурган экен.

- Оо дос, кыздарың сулуу экен, - Бири көзүн жүлжүңдөтө.

- Биздеги кыздардын алды Марина, - деп койду Нурдин кайдыгер.

- Көрүнүп турат, сулууну курмушуга оросоң да көзгө көрүнүп турат эмеспи? - деп бири Нурдинге көзүн кысып койду.

- Кечиресиздер, Нурдин Арстанович, сизге келдим эле, документке кол коюшуңуз керек.

- Аа-а, шашылыштын кереги жок, Марина айым, азыр менде адамдар бар, көрүп турбайсызбы? - Нурдин алакан жайып койду.

- Кечиресиздер, - Марина ыңгайсыздана кечирим сурап чыгып кетмек болгондо бири алдын тосуп калды.

- Сиз менен көңүл ачууга болобу?

- Тоспоңуз жолумду!

- Эмнеге, ушунчалык эле кыйынсызбы?

- Марина, токтой турчу, ачууңузду келтирбеңиз, - Нурдин ордунан туруп бери басып Маринанын жанына келди, - Мүмкүн болсо бул мырзалар менен тааныштырып койсом кандай болоор экен?

- Нурдин Арстанович, мени жайыма коюңуз, таанышканга убактым жок! - деген Марина эшиктин туткасын кармамак болгондо Нурдин эшикти түртүп калды:

- Ургаачынын текеберчилиги өзүнө жоо болот, менин жанымда сиздей сулуунун иштеп жүргөнүн мен байкабай жүргөн экенмин, - деп колун бетине алпарып сыламак болгондо Нурдинди Марина жаакка чаап ийди:

- Уятсыз! - Каалганы тарс жаап чыгып кеткенде креслодо чалкалай отурган Муса каткырып жиберди эле Нурдин көкүрөк чөнтөгүнөн тапанчасын алып ага карай басып калды. Ок Мусанын карысына тийип ал жатып калды, дароо чакчелекей түшүп берки үчөө аны жөлөп таяп алып чыгып кетишти. Нурдиндин ачуусу келип туталанып жатты: "Шашпа, сени төшөгүмдө талтайтып бутуңду керем, сенин таза, ак жүргөнүңдү ошондо көрөм", - деп ойлонуп жан сакчысы Керимди чакырып алды да Маринанын үйбүлөсү жөнүндө билүүсүн тапшырды.

Марина жини менен жумушуна көңүлү чаппай отурганда Урмат жанына келди,

- Марина, эмнеге капалуусуң?

- Эч нерсе.

- Жо-ок, сенин жүзүңдөн көрүнүп турат.

- Урмат, сен мага көңүл бурбачы, менде кандай ишиң бар?

- Болот ишим, сен менин досумсуң, бала кезден бирге ойноп өскөнбүз.

- Эмне экен, бирге ойноп өскөнүбүз менен ар кимибиз өз-өз жолубуз менен кетебиз, сен эми Аселдин ал-абалына көңүл бур, ошону карап бооруңду оорут, уктуңбу? Эми мага кайрылып сүйлөчү болбо! - деп сумкасын алып чыгып кетти. Урмат унчукпай делдейе калып калды, ал ошентип турганда Асел кирди:

- Кандайсың, Урмат?

- Жакшы, кайдан жүрөсүң?

- Сага келдим, телефондон жооп бербейсиң.

- Кол бошобойт, көрүп турбайсыңбы, - Урмат кагаздарын караган болуп калды.

- Урмат, мен ката кетирдим, кыз башым менен сага турмушка чыгам деп өзүм айтып койдум, - деп жасакерлене жанына келди, - Мага капа болбодуңбу?

- Жок-жок, эмнеге капа болмок элем, баары бир айтылат эле да.

- Оой жыргал, сен мени жаман көргөн жоксуңбу? - Асел Урматты кучактап өөп-өөп жатканда Марина кирип келе жатып кызыктай абалда калып боюн ала качып токтой калды, - Мен сени сүйөм, уктуңбу Урмат, а сен мени сүйөсүңбү?

- Андан көрө ата-энең эмне деди, ошону айтчы?

- Алар каршы болушпайт, сен макул болсоң эле болду.

- Атамдар эмки жумада барабыз деп жатышат.

- Ошончо эртеби? - Аселдин көзү чакчайып кетти, бирок көз алдына Темирлан келип: "Ичиңди күйгүзбөсөм элеби, аялыңды таштай албасаң менден айрыласың, сенин балаң башка бирөөнү аталап калганда баары кеч болуп калат, бирок азыр тийбейм, шакек сала беришсин, кандай гана болоор экенсиң, шашпа", - деп ойлонуп алды.

- Билбейм, үйлөн деп жатышат го?

- Болуптур Урмат, биз кыз-жигит болуп жүрө беребиз, качан гана экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганда үйлөнөбүз, ээ?

- Жарайт, - деп койду Урмат, бирок Асел менен үйлөнөөрүн же баш тартаарын билбей турду.

- Мен кеттим анда, - Асел Урмат менен коштошуп чыгып Темирландын кафесине келди. Акмат аны көрүп утурлай тосуп алды:

- Келиңиз Асел сулуу?

- Темка кайда? - Асел ага карабай эле ашканага кирип кетти.

- Кел Асел, - деп Акмат жооп бергенче Темирлан чыга калды.

- Сени менен сүйлөшчү сөз бар, ушул жерден айта берейинби? - Асел ага тикирейе карады.

- Жок Асел, экөөбүз сүйлөшөбүз, жүрү кеттик, - деп Темирлан аны колтуктап баратып, - Акмат, өзүң көз боло бер, мен келип калам, - деди.

- Жарайт, Темирлан аке, - Акмат жылмая карап калды. Алар ээрчише чыгып баратышты, Асел Темирландын жинин келтирмек болуп ичинен атайын кежирлигин карматкысы келип:

- Эмнени сүйлөшмөксүң, сүйө-өм күйөөм дегениң менен айтканыңды аткара албайсың, аялыңдан ажырагың келбейт, - деди андан колун тартып алып.

- Эмне деп жатасың, мени кыздарым кыйнап жатат, ошолорду дагы ала кетишим керек эле, мага убакыт бер дедим го.

- Кыздарыңды ойло, а менин ичимдеги балачы, анын сага тиешеси жокпу?

- Эми чыдасаң, жаным, - Темирлан Аселди өзүнө тартып кучактап машинасынын эшигин ачты, - Отур кеттик.

- Кайда, бул жерде эч ким жок го, ушул жерден сүйлөшүп биротоло бүтүрүшүбүз керек. Темка, мен турмушка чыкканы жатам!

- Эмне, кимге чыгасың?

- Урматка.

- Кайсы, Ырысбек акенин баласынабы? - Кашын жыйра карап калды.

- Ооба.

- Асел, сен сүйүүсүз аны менен кантип жашамаксың?

- Ал мени сүйөт.

- Калп, менден өч алгың келип жатабы? - Темирлан машинасын катуу токтотту, - Баланын атасы менмин, сенин ага тийгениңе жол бербейм!

- Атам менен Нурдин билсе экөөбүздү тең соо койбосун билесиң да, анан кантип тобокелчиликке баргың келип жатат, айтчы?

- Бул жерден алыс кетебиз, балалуу болуп арадан жылдар өткөндө кечирбей кайда бармак эле.

- Темка, мен сени сүйөм, бирок сен аялыңдан кете албайсың, менин боюмда бар экенин билсе атамдын оорусу кармап калышы мүмкүн, тез арада кетишибиз керек. Урматтын ата-энеси эмки жумада сөйкө салганы келет экен, азыр эки жакта тең даярдык көрө башташты.

- Сагабы, сенин боюңда бар экенин билсе Урмат жакындамак эмес, - Темирлан өзүнчө ойлонуп өзүн кучактап турган Аселди булка өзүнө каратты, - Эмне, аны менен дагы жолугуп жүргөн жоксуңбу? - Көздөрүнөн заары чачырап, жаак эттери түйүлүп турду.

- Темиш, сен мага ишенбейсиңби, мен аны менен жолуккан эмесмин, жөн гана үйбүлөсүнө мен жагат экенмин.

- Ох-ох, Асел сулуу, а сенин боюңда бар экенин билишсе кандай болот, билесиңби? - Темирлан жиндене сүйлөп жатты, - Эгерде мага билгизбей оюн ойноп жүргөн болсоң жолуңду тоспойм, бар бара бер! - Эшикти ачты да колунан тартып жерге түшүрдү, - Мени сүйөм деп коюп аны менен роман болуп жүргөн экенсиң да?!

- Темиш, кудай жалгагыр, андай эмес, мен сени гана сүйөм, сен мага үйлөнбөсөң абийирим төгүлгөнү турат!

- Болуптур, мени сүйөсүң, Урматка баш тартсаң болот беле, же дудук болуп калдыңбы? Мени айтпай эле башка сүйгөнүм жигитим бар десең болот эле го? - Темирлан ыйлап жаткан Аселди жулкулдатып жатты, - Же билинбей калат деп жатасыңбы, эгерде мени сүйсөң бул кадамга барбайт элең.

- Темиш, мени түшүнбөй эле өзүңдүкүн туура дей бересиңби, абалымды кандай түшүнбөйсүң, ата-энем боюмда бар экенин билсе мен эмне болом? - Асел андан жулкуна бошоду, - Сен чечкиндүүлүк кыла албасаң мен бул жолдон кайтпайм, аялың менен бирге кыздарыңды дагы таштайсың, ошондо гана сенин сүйүүңө ишенем! - деп жүгүрүп барып жол тозуп калды, ага жетип Темирлан колдон алды:

- Чечилмейинче эч жакка кетпейсиң!

- Эмнеге, мен эркин адаммын, азырынча эч кимге көз каранды эмесмин!

- Асел, сөздү укчу, сен мени мындай таштап кете албайсың, экөөбүз бирге чечишибиз керек, - Жумшара аста кармады.

- Жок, качан чечип бүтүп гана мага телефон чал, болбосо менин айтканым айткан, күйөөгө чыгам, - деди да такси токтотуп түшүп кетип калды. өзүн-өзү сөгүп Темирлан кала берди. Адегенде кафеге келди, Акмат өзү иштеп жатыптыр, баары жайында экенине көзү жеткенден кийин:

- Мен үйгө кеттим, - деди чарчаган түрдө.

- Макул, - Акмат унчукпай кала берди.

Темирлан үйүнө келсе кыздары кубанып кетти:

- Ата, сен бизди зоопаркка алып барасыңбы? - деди кичүүсү Самара.

- Чогуу барабыз, апам дагы барат, ээ ата, - Тамара атасына кайрылды, - Апам чогуу барабыз деген.

- Апаңдын иштери бар, биз үчөөбүз эртең барабыз, - деп Темирлан көңүлсүз диванга жата кетти, - Чарчадым, эртең эрте барабыз кыздарым.

- Апамдын жумушу жок, азыр апамдан сурап келем, - Тамара жүгүрүп ашканадагы апасына кетти.

- Ата-а, сен эмнеге апамдын чогуу барышын каалабайсың? - Самара таарына үн катты, - Биз силер менен бирге баргыбыз келет.

- Кызым, апаңдын жумушу бар дедим го, бара гой мен эс алып алайын, - деп терс бурулуп жатып алды, ошол кезде Гүлнур кирди:

- Темиш, биз сени күтүп барган жокпуз, чогуу баралы, паркка ойноп келебиз деп кыздар менин жанымды койбой жатат, - деди анын жанына отуруп, - Балдардын көңүлүн калтырган болбойт.

- Сен калдыңбы, бар ишиңди кылчы, жок дегенде үйгө келгенде да эс ала албайсың, - деп ороңдоп кое берди.

- Ма-акул, эс ал, - деп Гүлнур эки кызын ээрчите бөлмөдөн чыгып кетти. Күйөөсүнүн кийинки кездери мүнөзү өзгөрүп өзүнө көңүл бурбай баратканына ызаланып кыздарын жайгарып, кечки тамагын берип өздөрү жатчу спальныйга кирсе Темирлан жок, конок бөлмөсүнө кирсе ал креслого жатып алып уктап калыптыр. Анын үстүндөгү кийими да чечилбеген, эми туруп алып бир жакка кетчүдөй, ойлуу карап туруп анан күйөөсүн аяп: "Балким кафенин ишин алга жылдыруу оор болуп жаткандыр, бизди багам деп кыйналып жүрсө керек", - деп ойлоп отурган жерине төшөк жаап коймок болуп жаап жатса ал көзүн ачты:

- Эмне уктабай жүрөсүң?

- Үшүп каласың го?

- Жата бер, үшүбөйм, - деп көзүн жумуп алды.

- Темиш, сенин мүнөзүң өзгөрүп баратат.

- Эмне деп башты оорутуп жатасың, барчы жата бер!

- Мен сага ушунчалык эле жек көрүнүп баратамбы? - Гүлнур ызалуу аста сурады, - Биз бири-бирибизди кандай сүйчү элек, сен таптакыр өзгөрдүң…

- Сүйүүбү, кайдагы сүйүүнү айтасың, бүтпөдүбү сүйүү деген жомок, балдар турганда сүйүүнү айтып…

- Темиш, бирок бири-бирибизди түбөлүк сүйүп өтөбүз деген сөзүң гана, ооба кыздарыбыз өсүп баратат, аларга деген сүйүү өзүнчө болсун, биздин үйбүлөлүк сүйүүбүздү сен тез эле унуткарып койдуңбу?

- Гүлнур, мен чарчадым.

- Чарчасаң эртеңден баштап жардам берейин, балким сен бизди багам деп кыйналып жүргөндүрсүң, сени менен кошо иштейин.

- Кайдагыны сүйлөбөчү, өз ишиңди кыл.

- Темиш, сен башка аялды жактырып калгандан соосуңбу?

- Бас дейм жаагыңды, тынчтык бересиңби? - деп ордунан тура калган Темирлан илгичтен костюмун алып сыртты көздөй жөнөдү, - Эртең кыздарды паркка алып барам, даярдап тур.

- Караңгыда кайда барасың?

- Тынч уктачу жакка, - деп сырткы каалганы тарс эттире жаап жөнөп кетти.

- Сенин көзүң тумандап калган экен, - Гүлнур өзүнчө сүйлөнүп спальныйга кирип отуруп ыйлап жатты.

Темирлан Аселге телефон чалып ала албай ого бетер кыжаалат боло берди, өчүрүп койгонун билсе да кайра-кайра чалып жиндене: "Мен сени Урмат бок мурунга бере койбойм, жаңылып жатасың Асел, эч кандай күйөөгө тийбейсиң, менин балама аны ата дедиртпейм", - деп ойлонуп кыжырлана берди. Үйбүлөсүнүн бузулуп баратканын, өзүн-өзү ала качып же үйбүлөдөн жок, же аялдан жок ара жолдо калаарын оюна да албады. Эртеси кайрадан чалды эле Асел:

- Экинчи чалба Темирлан, менин кечээгимди эч ким билбеши керек, өчүрөм, апам келе жатат, - деп өчүрүп койду эле кайра-кайра чала берди, телефонго жооп бербей жатканын көргөн Алима кызына кайрылды:

- Эмнеге жооп бербейсиң, ким чалып жатат?

- Апа, бир таанышым эле, жолугалы дейт.

- Ким эле ал?

- Тааныш кыз, - деп жер карап отуруп калганда жүрөгү айланып окшуп кетип эшикке чыгып кеткенде Алиманын жүрөгү шуу дей түштү: "Кудай сактай гөр, буга эмне болгон, соо эмес го деги", - деп артынан чыкты.

- Эмне болду сага?

- Эчтеке, жүрөгүм айланып кетти, - Асел көзүн ала качып ичкери кирип үстүңкү кабатка көтөрүлдү.

- Сен соо эмессиң кызым, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген, мен энеңмин, ачыгыңды айт, - Алима артынан кирип жанына отурду, - Курган кызым жаңылып калган жоксуңбу?

- Койчу апа, мага ишенбейсиңби?

- Ишенгеним үчүн билбей көзүм кашайбасын.

- Жөн эле сүйлөй бербечи, апа, - деп кайрадан оозун жаап көзүн жумуп отуруп калды.

- Ой кыз, бул жөнөкөй эмес, сенин бир балээң бар.

- Жок, - деди да дагы жүгүрүп кетти, бул жолу ал ылдый түшпөй эле залдагы өзү киргизип мусор салчу идишке окшуп жиберди. Алима ого бетер күмөнү көбөйүп аны тескеп жатканда ал дароо Урматты эстеп жым дей түштү, - Апа, боюмда бар экенин кечээ гана билдим.

- Айбан кыз, кимден? - Кызын акшыя карады Алима.

- Кимден болмок эле, Урмат экөөбүз үйлөнгөнү жатабыз го? - деп түз айта албай тайсалдады.

- Анда эртелетишибиз керек, атаң билбесин, мен даярдыкты көрө берейин, түштөн кийин базарга барып кийим-кече алалы. Эгерде агаң Нурдин билсе экөөбүзгө тең күн жок, эсиң менен болбой эштеңдеп жүрүп ушу болуп отурат, ачык кийим кийгенди токтот, кайната-кайненеңдин көзүнчө өзүңдү токтоо кармап жүр, Урматка айт, эртелетсин.

- Апа, эмнесинен коркосуң, акыры үйлөнөбүз да.

- Эмне, төрөгөндөн кийинби?

- Апа, өзүм кыйналып жатам, көп эле сүйлөй бербечи, - деп жатып алды Асел. Алима ойлуу ылдый түшсө Арстан келип тапчанда отурган экен:

- Алима үйдөсүңбү? - деди ал көрө сала.

- Ооба, анан кайда болмок элем?

- Көрүнбөсөң жетим баладай боло түшөм.

- Койсоңчу, - Алима күйөөсүнөн көзүн ала качып жылмайган болду, - Кофе алып келейинби?

- Алып келсең алып келчи. Баса, кудалар качан келишет экен?

- Эмки жума дешпеди беле…

- Аа-а, жакындап калган тура, - Арстан оор күрсүнүп алды, - Кечээ эле эркелетип кичинекей сезип жүргөн кызымдын турмушка чыгаарын ойлосом ичим ачышып кетип жатат байбиче.

- Ботом, өмүр бою алып жүрмөк белең, бойго жетти, өз айылын, өз элин таба турган убак болду го?

- Ооба десеңчи, кечээ эле өзүң дагы ушундай кыз элең, минтип сен дагы агала саамай балпайган байбиче болдуң, акырындап биз дагы бул дүйнөнү таштап улантуучуларга орун берип көчө берет экенбиз да.

- Ушунчалык ойчул болбосоң эмне, баягыңдай эле сөздөрүңдү тыңшап отура бергим келет, - Алима үйгө кирмек болуп артына бурулду.

- Кызматчың кайда кеткен?

- Ал апасына кетти эле, ооруканага жатып калыптыр, кофени өзүм эле даярдай коем.

- Аа-а мейли, - деп коюп отуруп калды, быйыл Арстандын бешинчи мүчөсү жакында туулган күнүн өткөрмөк, кызына сөйкө салгандан кийин болмок, азыр өзү да жалгыз уулу менен кызын ойлонуп жатты, Нурдиндин Аселди жактырбасын жакшы билет: "Эмдигиче үйлөнбөй жүрөт, жашы дагы өтүп баратат, Аселди күйөөгө бергенден кийин үйлөн деп айтайын, орун басары жок калышыбыз керекпи, жо-ок сөзсүз үйлөнүп бала-чакалуу болушу керек", - деп ойлонуп алды.

Нурдин өз оюнда Маринадан өч алгысы келип анын үйбүлөсү, жашоо шарты жөнүндө баарын билип болгондон кийин ага сыр билгизбей үстүртөн иш кылууга өттү. Ашыраалы бекерчиликте кээ-кээде тааныштары менен карта ойной койчу, аны билгенден кийин Нурдин эки адамды атайын жөнөттү, карта ойногон болуп анын отурган жерине келди, байкап отуруп Керим деген лөкүйгөн немеси:

- Аксакал, биз менен бир ойноп койбойсузбу? - деди.

- Эмне? - Ашыраалы бейтааныш адамды сыдыра карады.

- Биз менен ойнойсузбу дейм?

- Аа-а жок-жок, оюн бүттү, кеткени турдум эле.

- Коюңуз эми, зеригип турдук эле.

- Мен оюнчу эмесмин, пенсияга чыгып бекерчиликтен кээде ойноп коем, - деп баш тартты Ашыраалы.

- Көңүл үчүн да ойноп койсоңуз болмок, коркпоңуз, акча бар, - деп анын жанындагысы коштоду.

Ашыраалы эки адамды башынан аягына сыдыра карады, таптакыр жетишпей жерде калбаса дагы азыркы турмушта кыйналыш болбой койгон жок, дагы кызы иштеп баарын багып жүргөндүктөн ага боору ооруп кетчү. Эми бул кычырап турган эки адамды көрүп: "Булардын эмнесин аяйын, кудай буйруп утуп калсам бул жерге кайрылып келип ойногонду коем", деп ойлонду да:

- Болуптур балдар, ойносо ойнойлу, утулганыбыз чычаламай жок, - деди күлүп.

- Болду-болду, оюндун шартын билбесек ойнобойбуз да, - деп Керим чөнтөгүнөн картасын алып чыкты. Ошентип алар кары адамдын көңүлүн карап ал күнү, эртеси күнү да жолдуу болду. Кубанычы койнуна батпай көтөрүнүп келди кечинде, атасынын түрүн көргөн Марина өзүнчө сүйүнүп, бирок таңгала сурады:

- Ата, эмне, иштеп жатасызбы?

- Мм, ооба, эмне, иштесем болбойбу? - Көзүн ала качып араң тайсалдап жооп берди Ашыраалы.

- Ата-а, ушул жашыңызда үйдө эле боло бериңизчи, уят эмеспи иштегениңиз, - деп Марина таарына сүйлөдү.

- Кыз-зы-ым, сен жалгыз иштеп бизди багып жатасың, Илгиздин окуусуна дагы керек, кол кабыш кылсам болбойбу? - деп Ашыраалы эптеп кысталыштан чыгып кетти. Марина анын карта ойноп жүргөнүн билбейт эле, мурун дагы эки-үч жолу утулуп калып доочулар келгенде айлыгынан кутулган болчу. Ошондо Ашыраалы экинчи картаны кармабас болгон.

- Баары бир ата, карыганда иштегениңиз болбойт, - деп чыгып кетти, ошол убакта эшик чыр эткенинен ача салса Айзат, - Кел Айзат, кайдан жүрөсүң? - Марина жаркылдай тосуп алды.

- Сенден кабар алайын деп эле келгенмин, акыбалдар кандай?

- Баары жайында.

- Эмне, сүйлөштүңбү?

- Жо-ок ай, ал оюмдан баш тарттым.

- Неге?

- Чү-үш, - Марина сөмөйүн эрдине такады, - Атам үйдө.

- Аа-а болуптур, - Айзат акырын ичкери кирди, - Кандайсыз аба, денсоолуктарыңыз жакшыбы? - деп Айзат Ашыраалы менен учураштты.

- Жакшы кызым келе гой.

- Келип калдым, Маринаны көптөн бери көрө элекмин, - деди Айзат креслого отуруп жатып.

- Апаң келип жатабы?

- Жо-ок телефон менен эле сүйлөшүп турабыз.

- Ошентсе да денсоолугу дурус жүрүптүрбү?

- Ооба, жакшы эле го? - Айзат жер карай сүйлөдү, Айзаттын апасы ал бойго жетип калганда алыскы райондордун бирине күйөөгө чыгып кеткен, кабар да алып койбойт, анда-мында акча салып койчу.

- Эми ошо да, кандай болсо да денсоолугу болсун, сен болсо бойго жетип калдың, деги бир келип кетээрин айтпадыбы?

- Жо-ок, убактысы болбой жатса керек.

- Жалгыз жүрө бербей биздикине келсеңчи, Марина экөөңөр эгиз козудай бирге өстүңөр, - деп Ашыраалы ага кайрылды.

- Ойлонуп көрөйүн аба, Маринага жардам берейин, - деп ашканасына жөнөдү, ал Марина менен жакшылап сүйлөшкүсү келип турган, ал киргенде Марина тамак жасап жаткан эле, - Оой-ой, мени менен сүйлөшкөнгө көңүлүң жокпу дейм? - Айзат күлүп жанына келди.

- Айзат, не дешимди дагы билбей жатам, - Марина муңая карады.

- Айтчы, жок дегенде бала кезиңердегини эсине салдыңбы?

- Жо-ок ал үйлөнөм деген соң айткым келбей койду.

- Сен кызыксың өзүң, неге өзүңдү чечкиндүү алып жүрө албайсың?

- Сен өзүң ойлончу, эркекке өзүм барып сени сүйөм дешиң туурабы?

- Эмнеге болбойт, сезимиңди билдиргенге акың бар да, азыр илгерки убак эмес, кыздар өздөрү эле балдарга сүйөөрүн айтып жүрбөйбү?

- Мен анте албайт экенмин, - Марина ойлуу отургучка отурду, - Билесиңби, баягүнү офиске Асел келиптир, Урматты өзү кучактап алып өпкөнүн көрүп жаман болдум, же качып кете албай туруп калыптырмын.

- Ой жинди десе, көрдүңбү сен Урматты сүйөсүң, ошондуктан аны кызганып кеткенсиң го? - деп тамашалап калды.

- Койчу Айзат, - Марина таарынгандай карады.

- Койдум эми, эмне кылайын дейсиң?

- Үйлөнө берсин, мен эч нерсе болбогондой болом.

- Кантип, өз сүйүүң үчүн күрөшүшүң керек го?

- Жок, кереги жок, балким ал туура кылып жаткандыр, мен ага тоскоолдук кылгым келбейт, балким алар сүйүүсү бар үчүн үйлөнүүнү чечишкендир, - Марина айласы куругандай жалооруй карады.

- Макул, өзүң эле билчи, сендей сулуу жерде калмак беле, көздүү мончок жерде калбайт дегендей сендей асыл жанды кимдер карабай койсун, - деп Айзат Маринаны жооткото тим болду.

Убакыт Марина үчүн токтоп калгандай болду, басса-турса Урматты ойлонуп, түн уйкусунан азып, күн тынчынан кетти. Ошол арада Нурдин Маринаны жеңил кыздардай көрүп, өз оюн ишке ашырууну көңүлүнөн кетирбей жаны жай албай жатты. Аны кабинетине чакырып алып алгачкы азгыруучу бир оюн айтмак болду:

- Сиз чакырдыңызбы? - Марина баш багып сурады.

- Кел, Марина, иштер бар.

- Кандай иш?

- Сен менин кеңешчим болгонго кандайсың? Жакында Москвада өтчү бизнес жыйынына сени кошо барып келесиңби дедим эле.

- Мен ал жакка бара албайм го?

- Эмнеге?

- Атам жооп бербейт, анын үстүндө ушул эле жерде жүргөнүм жакшы го, иштер дагы көп, - Марина буйдала калды.

- Марина, менин кеңешчим болсоң болмок, жакында бүт мамлекетке бизнестин түрлөрүн, ар кандай жолдорун жайылтып, анын ичинде өзүбүздүн товарларыбызды жарнама кылганыбызга жакшы шарт түзүлмөк.

- Нурдин агай, ансыз да иш жакшы, эгерде зарыл болсо башканы кеңешчи кылып алганыңыз оң, мен түздөн түз каршымын.

- Жарайт, ордуңа бара бер, - деген Нурдин ашыкча сөз айтпады. Марина кызыктай болуп кабинетинен чыкканда Асел Урматтын жанында болчу, түз эле ордуна өтүп отуруп сүрөттөрдү мелтирей карап калганын Урмат сезди, Асел эч нерсе оюнда жок эле:

- Марина жакшы кыз, ал менин агамдын кабинетинде эмне кылып жүрөт? - деди Урматка кайрыла.

- Ким билет, жумуш боюнча го? - деп Урмат ички оюнун удургуусун билгизбей өз ордуна отуруп алды.

- Ой, Нурдиндин адамдык сапаты таптакыр жок, Маринаны азгырып жүрбөсүн, керек болсо жолдон чыгарып өкүнүчкө алып келиши мүмкүн, - Асел өз агасы жөнүндө эбиреп-жебиреп жатты. Урмат андан ары эч нерсе уккан да жок, көз алдына Маринаны Нурдин жулмалап төшөккө жыгып алгандай болуп жаман болуп жатты.

- Мен иштешим керек Асел, сен бара бер, - деди акыры тажагандай.

- Макул жаным, эртең биз дүкөнгө барышыбыз керек, билесиң да.

- Ооба, эсимде.

- Анда кеттим, - Асел көзүн ойноктото эшиктен чыгып баратып.

Урмат кыжаалат боло Асел кетээри менен Маринанын жанына келди:

- Нурдин менен ашыкча мамиле жасабай жүрчү, Марина.

- Эмне, кандай мамиле?

- Билбейм, азыр сен анын кабинетинде болдуңбу?

- Ооба, ал менин кеңешчим бол деди…

- Болбо, ал сени алдайт, - деп Урмат өзүн таарынчаак баладай тутуп үңүрөйө карады, Марина адегенде жини келсе эми ага күлкүсү келди:

- Эмнеге, Урмат, мени эмнеге алдамак эле?

- Ал жаман адам, адамгерчилиги жок катаал, кара ниет киши экенин билем.

- Койчу Урмат, мен үчүн кам көрүүгө акың жок, эми сен Аселди ойло, ал үчүн кам көр, демек мени жайыма койчу! - деп кабагын сала үстөл үстүндөгү кагаздарын караган болду.

- Марина, мен сенин досуңмун, сен үчүн кабатыр болом, - Урмат дагы өз оюн бербей жаны ачый сүйлөдү, - Кыскасы этият бол, анын чеңгээлине түшчү болсоң өкүнүп каласың.

- Ал менин ишим, өз ишиңди кыл!

- Марина, мени укпайсыңбы?

- Укпайм.

- Өз убалың өзүңө, - Урмат жиндене чыгып баратканда Нурдин кирип келе жаткан, экөө бири-бирин теше тиктешип өтүп кетти.

- Марина, мурунку айдагы жарнамалык папканы алып мага кирчи, - деди Нурдин Маринага.

- Жарайт, Нурдин Арстанович.

- Тездет, - деп коюп Нурдин чыгып баратып Урматты бир карап коюп өтүп кетти, анын күйөө бала болоорун укканы менен иштешкени катары, кол алдындагы жумушчусу катары гана билет, бирок азыр өзү жөнүндө сүйлөп жатканы ага жаккан жок, акырын өтүп кетти: "Марина экөөнүн ортосунда бир нерсе жокпу", - деп да ойлонуп ийди. Көп өтпөй Марина папка көтөрүп кирди.

- Алып келдим, агай.

- Отур.

- Иштерим көп, агай.

- Отур, анан иштейсиң, - Нурдин Маринага сүрдүү карады, алар дагы көпкө сүйлөшүштү.

Урмат анын кирип кеткенин көргөнү менен чыйпылыктап жаны жай албай жатты: "Эмнени сүйлөшүп жатат, эмнени талкуулап чечишет булар? Ай Марина, Марина, ага азгырылба дегенимди укпайсың", - деп отура калып, тура калып Нурдиндин кабинетинен көз албай тынчы кете берди. Качан гана эшик ачылып Маринанын карааны көрүнгөндө жетип келди:

- Анын сенде кандай иши бар? - деди ага ачуулана.

- Кызык, мен анын кол алдында иштегенимден кийин чакырса кирем да, чынында өзүң да ага кеңешпей кое албайсың.

- Баары бир, сен анын айтканына көнбө!

- Сен жинди болдуңбу, менин ишиме кийлигишпечи, Урмат, - Марина жиндене сумкасын ийнине асты да чыгып кетти, - Сен мага тынчтык бересиңби деги?

- Өзүң бил! - деп коюп кала берди Урмат, кечке маал үйүнө келсе апасы:

- Уулум, жумушуң бүттүбү, эртең эртелеп дүкөндөргө барабыз, Асел аттуу-баштуу, ал тургай байдын кызы, уят болбогудай болуп барышыбыз керек, оо-ой алардын үйүн, үйүнүн тегерек четин эле айта бер, бак ичинде түркүн жемиш, ар түркүн куштун үнү жан дүйнөңдү эс алдырып төбөңдү көккө көтөрөт.

- Апа, бай болсо эмне экен, бирөөнүкүнө көз арткандыгыңыз кантип болсун, өзүбүз деле кудайга шүгүр жашайбыз го?

- Калима, какшана бербей боло турган кепти сүйлөшөлү, - Ырысбек аркы жактан үн катты, - Деги балаң менен жакшылап сүйлөшчү, көңүлү барбы, сүйлөшүп жүргөнү чынбы?

- Шамал болбой чөптүн башы кыймылдабайт деген эмеспи атасы, экөө сүйлөшпөсө бул сөз кимибизден чыкмак эле? - Калима өзүнчө эле кудуңдай карады, - Буйруса уулум үйлөнүп келиндүү болсом…

- Шашпа, ошондо да какшанып келинге кажынбасаң эле…

- Ким айтты мени жаман кайнене болот деп? - Калима күйөөсүн жаман көзү менен карап бөлмөдөн чыгып кетти, Урмат атасынын үстүнө кирди:

- Отурчу, балам, - Ырысбек орун көрсөттү ага.

- Эмне болду, ата?

- Сенин Арстандын кызы менен сүйлөшүп жүргөнүң чынбы деги? - Ата уулун сынай карады.

- Ата, аны кийин сүйлөшөлүчү, мен чарчадым, - Урмат отурган ордунан тура калды.

- Эмнеге, эки күндөн кийин кыздын колун сурап сырга салганы турабыз, чын эле сүйлөшүп, жактырган болсоң айт, же сен дагы анын атасынын байлыгына карадыңбы?

- Жок ата, мен азыр жооп бере албайм! - деп Урмат чыгып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Сен эмне деп эле баланын башын айлантып жатасың, эгерде сүйлөшпөсө үйлөнөм демек беле, баланы жарга такаганды коюп куданын алдына жакшылап барууну ойлочу, кана кайсы тууганың барат, бере турганын ушул учурда ала келе турган кыл, - Калима күйөөсүнө кайра-кайра какшанып жатты.

- Болду, бала өзү каалабаса да чамынып калган го, өзү билет, - Ырысбек аялын жактыра бербей кагып коймок болду эле:

- Ой ушу сенин төрө пейилдигиң өттү, биз болбосок Арстанга дагы бирөө эми эле кудай деп куда болот, бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганда болобу, Асел бир аз эркерээк кыз, бирок аны өзүм тарбиялап алам, сен көп сүйлөбөй ишиңди кыл, - деп моюн бербей конокко кийчү кийимин даярдап, чынжыр сөйкөлөрүн тагынып көрүп өзүнчө эле кубанып жүрдү. Башынан тааныш, бирок ар дайым Калима ичинен Алимага суктанып жүрчү, ишканасынын имараты чоң, үйлөрү андан, шаардын сыртында эс алчу дачасы да бар экенин уккан, анысын көрө элек.

- Өз билгениңди кылчы, - Ырысбек диванына кыңкая кетти.

- Сен өзүң элдей байлык жыйып, ишти алып кете албадың, андай адам колго тийгени турганда өзүңдү тим эле асмандан көрсөткүң келет, - Калима күйөөсүнүн жанына келди, - Эгерде Урмат Аселге үйлөнсө кыз-күйөөсүнө заңгыраган үй алып берээри аштан бышык, сен кичине ойлонсоң боло?

- Ойлогондо эмне, баары бир балаң андайга көнбөйт, өз күчү менен жеткиси келет, сен көп эле сүйлөй бербечи.

- Ушул силердики өтүп кетти, Каргадан карга туулат каркылдаган, шумкардан шумкар туулбайт шаңкылдаган, эгерде шумкардан шумкар туулса, саяпкердин кубанычы, даңкы ашкан, дегендей уулуң дагы өзүңдү тартып төрө пейил, өзүнчө керсейесиңер ата бала, - деп ачуулана эшикти тарс жаап чыгып кетти Калима. Убакыт өтүп жатты, Урмат эмне кылаарын билбей жумушка келсе эле Маринаны айланчыктап сүйлөшкүсү келип турат, бирок ал таптакыр ага көңүл бурбай калды. Ан сайын Урматтын ичи бышып: "Бул Нурдинге имерилип калганбы, эмнеге мени көргүсү келбейт, же мен Аселге үйлөнөм дегенге таарынып калды бекен, мен жаңылышкан жокмунбу, мен Маринага сүйлөшүп көрүшүм керек", - деп ойлоп ордуна келди да телефондон кат жөнөттү, телефонун карап: "Марина, бирге түштөнөлү", - деген катты окуп: "Жок, менин убактым жок", - деп жөнөтүп ийди Марина, бир аздан кийин: "Марина бала кездеги экөөбүз жазган каттар али сакталуу, кел экөөбүз жолугуп ошол катты ачабыз", - деген кат келди. Ойлоно түшүп жаш кездеги Урмат экөө ойноп жатып айткан сөздөрү эсине түшүп кутучага катып койгон катты эстеди. Дароо эле: "Макул ачып көрөлү", - деп жөнөтүп жиберди да шашыла туруп жөнөдү, экөө босогодон беттеше калып күлүп ийишти. Жүрөктөр бири-бирине тартылышып көздөрү-көздөргө кадалып саамга туруп анан сыртты көздөй катар басышты:

- Марина, мен кутучамды алып бакка барам, ошол жерден кезигебиз, макулбу?

- Жарайт Урмат мырза, мен дагы үйгө барып анан чыгам, - Марина таарынычтын изи жок жүзү албыра жылмайды.

- Жүрү, менин машинамда кеттик.

- Кеттик, - Алар адегенде Маринанын үйүнүн тушуна келип токтоп, Урмат андан артка кетти. Жарым саат өтүп өтпөй экөө ашыга бактагы жолугуп жүрчү отургучта отурушту, колдорунда кичинекей сандыкча, экөө өз-өзүнүкүн ачып жатканда Урмат:

- Марина, чоңойгондо экөөбүз үйлөнөбүз ээ? - деди.

- Ооба, бизге эч ким тоскоол боло албайт, - Марина аны коштоду.

- Сен мени таштап кетпейсиңби?

- Жо-ок, эч качан таштабайм.

- Биз эч качан бөлүнбөйбүз! - деп экөө жарыша айтып бири-бирин карап туруп калды, кайрадан ортолорунда жымжырттык өкүм сүрүп Марина сандыкчасын кармалай көзүн ала качты.

- Балалыктын кайрылгыс таттуу кездери…

- Ооба, эми ал мүнөттөр кайрылбайт.

- Бирок баары эстен кетпейт, аткарылбай максат калбайт…

- Марина, кечир мени…

- Эмне үчүн?

- Мен өз сүйүүмдү мойнума жүктөп алдым, жаңылып калдым.

- Жок Урмат, сен туура кылдың, биз балалык кездеги сезимдерди чындыкка жанаштырбайлы, жашоонун чындыгы ушунда, - Марина ойлуу сүйлөдү, - Андан көрө мындан он жыл мурун жазган катты өзүбүзчө окуп көрбөйлүбү? - деди дароо жайдарылана Урматка карады, экөө тең катты алып чыгып окуп киришти: "Марина, чоңоюп жигит болгондо сага гана үйлөнөм". "Урмат, мен чоңойсом сага гана күйөөгө чыгам", - деп Марина окуп экөө бири-бирин саамга карап калышты.

- Марина, мени кечирчи.

- Эмнеге? Кайра-кайра эле кечир-кечир дей бербечи Урмат, биз өз келечегибизди өзүбүз куруп, тагдырыбызды чече турган курактабыз.

- Жок Марина, мен жаңылып калганымды сезип турам, айтчы ушул катта жазылгандай болсок каалаар белең?

- Урмат, эми дагы ушул сөздү кайталасаң кетип калам, - Марина ордунан турду.

- Сен ушул каттагынын аткарылышын кааладың беле, Марина? - деп Урмат ага маңдайлаша калып сурады. - Айтсаң, бир жолу ойлодуң беле?

- Урмат, бул жөнүндө эч ойлоп көрбөптүрмүн…

- Мен ар дайым ойлоочумун, бирок сенден уялчумун, "мени сүйбөйт" деп ойлоп тартына берем.

- Эмне, сүйбөйт деппи?

- Ооба, сага айткандан коркчумун, - деди жалдырай ийинине эки колун коюп, - Чынын айтсам сен мен үчүн ыйык, аруу жана таптазасың, кол жеткис бийиксиң.

- Урмат, - Марина ийининдеги Урматтын колун акырын алып койду, - Сен эми бирөөнүн күйөөсү болосуң, а бирөөгө күйөө баласы болосуң, ошондуктан сен экөөбүздүн балалык кез айтып бүткүс жомоктой, уккан кулакка жагымдуу дастандай, көрүп көз тойбогон табигаттын ажайып кооздугу сымал жүрөктө гана калчу элес болуп кала берет.

- Андай болушу мүмкүн эмес, Марина, жок дегенде бир жолу "сүйөм" десең мен азыр эле баш тартам.

- Эмне дедиң, баш тартам дейсиңби? - Марина аны ойлуу карап туруп башын чайкады, - Жок Урмат, мен сени сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин, - деди да тез-тез басып кетип калды.

Урмат эси ооп кала берди: "Жок-жок, мындай болушу мүмкүн эмес, Марина мени сүйөт, алгачкы кадамды тескери таштап алган өзүммүн", - деп ойлуу Марина кетип бара жаткан тарапты карап тура берди. Маринанын ал-абалы андан кем эмес эле, өзүнчө кызыктай абалда болуп: "Эмне дегени бул, Аселге үйлөнөөрүн укканымда кандай болгонумду билсе гана, сүйгөн адам ошентетпи, колуктусун айтып мактанганы кандай, эми келип алып мага сен мени сүйчү белең дейт, шылдыңдаганыбы, ошондо мени айтат экен деп кандай күттүм, бир-эки мүнөтүн ичинде жарылып кете жаздадым", - деп ойлонуп ызадан көзүнө жаш толо калды. Үйүнө келсе аны Айзат күтүп жатыптыр:

- Сен кайда жүрөсүң, жумушуңа чалсам чыгып кеткен дейт, - Айзат демите суроосун жаадырды, - Деги сенин жүрүшүң такыр өзгөрүп баратат.

- Айзат, азыр сүйлөшкөнгө акыбалым жок, чарчадым, курбум.

- Кабагың салыңкы, дагы эле Урматтын азабын тартып жүргөнсүң го ээ? - деп курбусу аягынан, биягынан чыгып жанын койоор эмес, - Сен андан көрө той боло электе алдын алышың керек, балким Урматтын сага көңүлү болуп турса дагы айта албай жүргөндүр.

- Айзат дейм, ошол Урматты кеп кылбачы деги, уккум келбейт.

- Болуптур эми, жаңы талапкер жигит табылмайынча сөз жок.

- Жаңынын да кереги жок, эч ким менен сүйлөшпөйм, - деп ички бөлмөгө кирип баратканда агасынын баласы Абазбек:

- Эже, эмнеге кеч келдиң, чоң атам мага окууга кийим алып берем деп сени күтпөдүкпү, - деп тултуя карады.

- Алтыным, сен жакшы баласың да, менин жумуштарым көп болуп жатпайбы, - деп эки бетинен өөп эркелете кетти.

- Эртең барабызбы?

- Ооба, эртең сөзсүз барабыз, малакай, - деп башынан сылап койду, - Эми сен чоң атаңа бар, мен которунуп чыгам макулбу?

- Ма-акул, - деп Авазбек тамак ишчү бөлмөгө жүгүрүп кирип кетти.

- Марина, сенин жүрөгүңдү жибитип же кубанта албадым, бара берейин, сен эс ал, - деп Айзат ыңгайсыздана кайрылды.

- Айзат капа болбочу, сиркем суу көтөрө албай турам, Азыр мен кийим которуп алайын, отура турчу, кофе ичебиз.

- Жок, сени күтүп көп отуруп калдым, барайынчы, Марина.

- Менин сага айтаар жаңылыгым бар, уккуң келсе күт, - деп Марина жылмайганда Айзаттын таарынычы заматта жазыла каткырып келип курбусун кучактап калды.

- Ушундай эле дейм да, сени таптакыр таппай жаттым эле, эми өзүңө келдиң, - Марина сүйлөп жатып кийимин алмаштырып алды да ээрчише ашканага киришти.

- Мага чайыңдын да, кофеңдин да кереги жок, жаркылдап эле сүйлөп берсең болду, - деп бажырая күлгөндө Марина анын далысына колун коюп жаагына-жаагын тийгизе күлүп:

- Сен үчүн баарын жасайм курбум, башкысы мага таарынбасаң болду, - деп эки кыз өздөрүнчө сүйлөшүп жатканда чыгып кеткен Ашыраалы күндө карта ойноочу жерге барып достору менен аз акча сайып ойноп алып отурганда баягы жигит менен Керим келип калды:

- Аксакал, ойнойсузбу мени менен? - Кытмыр жылмайды.

- Ойносо ойнойбуз, - деди Ашыраалы оюнда эч нерсе жок эле, ал бүгүн дагы утуп алып жакшы акчалуу болом деген ойдо болуп турган.

- Кеттик анда, - деп тигил экөө бир-бирине көз ымдап коюп оюнду баштоого картаны аралаштырып үчкө бөлдү, алар кызуу ойноп үч-төрт жолу Ашыраалынын пайдасына түшүп жатты, ортодогу акчаны өзүнө тартып кетмек болгондо Керим:

- Эми бир ойнойлу, менден миң кетти, - деди беркисине көз кысып.

- Менден дагы миң, - деп анысы чөнтөгүнөн бир кагаз миң сомдукту алып чыкканда Ашыраалы акчаны көргөндө напсиси ашына көзү кызарып кайра отурду, ошол убакта картаны бөлүп оюн баштап эки жакты карап туруп, - Кана ачтыкпы? - деди.

- Ачтык, - деп Ашыраалы кубанычтуу үч королду үстөл үстүнө коюп акчаны өзүнө тартып баратканда Керим:

- Бул картаны карап көрүңүзчү, - деди мыскылдуу жылмайып, анын колунда эки туз бир дама бар эле.

- Кантип? - Ашыраалынын көздөрү чакчайып кетти.

- Оюн деген оюн аксакал, кайрадан бирөөнө ооп кете берет, ойнойсузбу дагы? - Сынай тиктеди Керим.

- Жок, экинчи карта кармабайм, - деп тагдырына таарына туруп баратканда Керим:

- Келиңиз дагы бир ойноп көрөлү, балким бул жолу жолдуу болуп калаарсыз?

- Көрсө көрөйүн, - Калчаңдаган Ашыраалы отуруп калды.

- Сизге карызга беребиз, бирок утулсаңыз качан төлөп бересиз, эгерде барымтага кое турган буюмуңуз болсо дароо наличка берем.

Ашыраалы ойлонуп калды, ойнобоюн дейт, баятан берки уткан акчаларынын баары текке кетип ортодогу акча көңүлүн азгырып туруп алды, бир кезде тобокел кылды: "Буйруса утуп калсам кызыма көрсөтпөй катып коюп пайдалана берем, мал-сал алып коем", - деп ойлонуп ийди:

- Тобокел, үйүмдү коем барымтага.

- Аксакал шар кетти, - деп Керим дагы көзүн кысып койду. Ошол учурда акырын бир тузду колундагы картанын алдына коюп туруп Ашыраалыны карады:

- Кана аксакал, ачтыкпы?

- Ачса ачтык, - деп көзүн жумуп ичинен кудайга жалынып: "Муну экинчи кармабайм деп кызыма убада бердим эле, ушуну утуп алсам ушул тарапты көздөй баспайм", - деп акырын картасын ачты, бир дама менен эки кароль экен: "Жаман эмес, буйруса бул акча меники", - деди да, - Кана ачтык, эмне дейсиңер? - деди акчаны көздөй кол сунуп.

- Токтоңуз аксакал, бул жолу да жолуңуз болбоду, - деп Керим үч тузду таштап акчаны өзүн көздөй сыдырып алды, - Эми карызды канча күндө бересиз, ошону чечип алалы.

- Балдар, балдар...

- Сөз бүттү, үч күндөн кийин акчаны таап коюңуз, - деди да эки зөңкүйгөн неме кайрылбай чыгып кетишти. Ашыраалынын кан басымы көтөрүлө отурган жеринде эси ооп отуруп калды, качан пивокананы жапканы калганда теңселе үйүн көздөй жөнөдү, улам жол бою ойлонуп ишенип-ишенбей абалын көргөн киши маспы дегидей болуп үйгө кирди. Аны күтүп отурган Марина көрүп чоочуп кетти, акырын алып кирип жаткырып коюп врач чакыртайын десе дагы болбой жатып алды. Кызынын жүзүн кароого даабай жүрөгү сыздап жатты.

Темирлан кыжаалат болуп, Аселдин турмушка чыгам дегенине жинденип жумушуна да анча көңүлү келбей Акматка ачууланып жатты.

- Жакшылап иштебейсиңби, кана баары даярбы?

- Баары жайында, өз-өз ордунда го?

- Кайсынысы ордунда? - Жиндене үстөлдөрдү өзү карап чыгып эч күнөө табалбай кайра өз ордуна келди, кагаздарын карап, - Мен продукты алып келем, эгерде Асел келсе күтсүн де, - деди да баштык алып чыгып кетти. Акмат башын чайкап кала берди. Темирлан чыгып кетээри менен Асел кирди:

- Темиш жокпу?

- Азыр эле продукту алганга кетти.

- Качан келет эми? - деп алды да телефон чалды, - Ало, мен сени менен сүйлөшүшүм керек, эки күндөн кийин Урматтын ата-энеси келет, эмне кыласың, эки күндүн ичинде чече албасаң анда өзүң өкүнүп каласың, мен уят болбос үчүн сенин балаңды Урматка жабыштырууга аргасыз болом, - деп өчүрүп салып үстөлгө отуруп калды, көп өтпөй эле шашыла Темирлан кирип келди:

- Асел, Асел алтыным, мен сенсиз жашай албайм! - деп келип кучактап калды, - Алтыным менин Аселим.

- Темиш, мага да кыйын, - Асел аны өзүнөн алыстата түрттү.

- Жүрү, тиги бөлмөгө кирели, - деп жетелеп ашкананын жашыруун бөлмөсүнө кирди, - Сен мени жарга такап жатасың, эртеби-кечпи Урмат сенин боюңда бар экенин, кыз эместигиңди билет, ошондо кандай жашоо кечирмексиң?

- Билсе биле берсин, кыскасы ата-энем сени билбесе болду, уктуңбу Темиш? Мен сени кандай сүйдүм эле, а сен жөн гана алдап, алаксытып убакытты өткөрүп жатасың.

- Алдаганым жок, болгону убакыт керек деп жатам го? - Темирлан жарылып кетти, - Кандай мени түшүнбөйсүң, кыздарымды өзүмө алып, Гүлнурдан биротоло ажырашып бул жерден убактылуу кетебиз дедим го?

- Кыздарым-кыздарым дейсиң, а менин ичимдеги бала сенин тынчыңды албайбы, же аялыңды да кыялбай жатасыңбы, оң жооп угамбы деп келгемин, кайран убакыт сага короткон! - деп ачууланып Темирланды түртүп ийди, - Бар өз үйбүлөң менен тыптынч кана жашай бер! - Бөлмөдөн жулуна чыгып кетип жатканда Гүлнур алдынан чыкты:

- Асел сага эмне болду, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Аа-а жөн эле, Акматта жумушум бар эле.

- Жүзүңдө тынчсыздангандык бар, бир нерсе болдубу?

- Жок-жок, эч нерсе, - Асел тез-тез басып чыгып кетти. Гүлнур ийнин куушура таңгалгандай туруп калганда Темирлан чыкты:

- Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? - Орой сурады.

- Эмне болмок эле, бул кафе мага да тиешелүү го?

- Балдарды кара, биерде сен жасай турган иш жок!

- Темиш, эмне мынча зиркилдейсиң, Асел менен Акмат урушуп калдыбы?

- Аны менен сен экөөбүздүн кандай ишибиз бар?

- Темиш, Арстан аке мени өз кызындай көрөт, сени өз күйөө баласындай сыйлайт, анан Асел менин сиңдимдей эмеспи, кабатыр болом да, - Жай сүйлөгөн Гүлнур Акматка карай басты, - Акмат, Асел экөөң эмнеге жаңжалдашып калдыңар?

- Аа-а жөн эле Гүлнур эже, кофе дейт, бергенимди жактырбайт, анан өзү жинденип кетти.

- Этият мамиле кылсаң болмок, ал өтө эрке талтаң кыз, кардарлардын каалаганындай жасашыңар керек го?

- Кечириңиз Гүлнур эже, мындан ары каалаганындай болот, - Акмат эптеп жооп таап Темирланды карады, ал "туура кылдың", - дегендей башын ийкеп коюп өз ордуна келип кагаздарын карап отуруп көзүнө эч нерсе көрүнбөй бар жинин Гүлнурдан чыгаргысы келди:

- Сен биздин ишти текшерүүчү болгонсуңбу, башты оорута бербей өз жолуң менен болбойсуңбу.

- Темиш, сенин көзүңө мен таптакыр эле башкача көрүнүп калган окшойм, көргүң келбей жатса кеттим, - деген Гүлнур ичтен сыза сыртты көздөй баратып артына кайрылды, - Тамарага торт алып келем депсиң, ал күтүп жатат.

- Мен бүгүн үйгө барбайм, бул жерде коноктор болот, биз камынышыбыз керек. Акмат, базарга барып керектүү продуктуну жазып койдум, алып келе калчы.

- Жарайт, - Акмат Темирландан акча менен тизме жазылган баракты алды да шар жөнөп кетти. Гүлнур күйөөсүнүн жанына келди:

- Темиш, эмнеге мени жек көрүп баратасың?

- Барбайсыңбы, эмне кылып турасың? - Зиркилдей караганда Гүлнур андан чоочуп кетти.

- Ушу сенин азабың өттү, жек көрүп баратмак тургай сенден тажадым!

- Эмне, бул эмне дегениң Темиш?! Биз ушунча жылдан бери бири-бирибизди мындай абалга калтыра элек эмеспизби, сен бат эле өзгөрүп кеттиң, мындай эмес элең? - Гүлнурдун көздөрүнө жаш толо күйөөсүнө жакындады, - Эмнеге минтесиң, жок кезде да сүйүүбүз толуп ташып сыйлашып турчу элек го, эми минтип ишибиз жакшы, оокат ашка кенелип, кийим-кеченин жакшысын кийинип, кыздарыбыз чоңоюп калганда кандай болмокчу?

- Гүлнур, үйгө кетчи бай болгур, сени менен сүйлөшө турган акыбалым жок, - деди Темирлан аны муздак көз карашы менен атып, - Бар бара бер.

- Ма-акул, сен чарчап жүрсөң жардам берейин дегемин, көргүң келбесе демек кетейин, кыздарга эмне дейин?

- Келет деп кой.

- Болуптур, - деп Гүлнур жашы төгүлө кафеден чыгып эле оозун басып буркурап ыйлап отура калды: "Эмнеге минтип баратат, башка бирөөнү сүйүп калганбы? Кантип! Сүйүү кайра-кайра жаңырып турабы, биздин сүйүү түбөлүк деп өзү айтчу эмес беле", - деп көз жашын аарчып үйүнө келди. Келсе эки кызы жарыша эки жагынан чыгып атасын сурап кирди:

- Атам келем дедиби апа?

- Торт алып келет ээ?

- Ооба-ооба, келип калат, - Гүлнур кыздарына көңүлүнүн чөгүп жүрөгү сыздап жатканын билгизгиси келбей жадырай экөөнү өөп, - Азыр биз Арстан абаңардыкына барабыз, - деди.

- Ур-ре!

- Арстан абаныкында бакка ойнойбуз ээ?

- Албетте, Алима жеңе дагы кубанып калсын, болгула кийинип даярдангыла. Эки кыз заматта кийинип даяр болду, үчөө ээрчишип алып Арстандын үйүнө келишти. Алима аларды жадырай тосуп алды:

- Оо-ой, мен кимдерди көрүп турам ыя, Темирландын эки ханышасы бой жетип калган го? - деп кыздарды өөп Гүлнур менен учурашып экөө бак ичиндеги орундукка келип орун алышты.

- Кандай жатасыңар, жеңе?

- Кудайга шүгүр, баары жакшы. Сенин өңүңдө бир нерсе бар го, эмне болду?

- Эч нерсе, үйбүлөлүк машакат го.

- Жашырба менден Гүлнур, мен дагы сени өз сиңдимдей көрөм, башымдан нелер өтпөдү, ушул Арстанга жолугуп бүт азаптан кутулуп атамды да санаасыз оо дүйнөгө узаттым Гүлнур, ачык айтчы, сага эмне болду? - деп Алима Гүлнурду суроолуу карап калды.

- Жеңе.

- Айта бер, мен жардам бере аламбы?

- Жеңе, биздин жашообуз болбой баратат, Темиш мени көрсө эле зиркилдеп ачуусу келип туруп калды. Эмнеге антет, билбейм.

- Капаланба, ишинде бир кыйналыштык болуп жаткандыр?

- Аны деле кеңешсек чечет элек го, жардам берейин дегениме болбойт, - Гүлнур көз жашын төгүп ийди, - Эмне кылаарымды билбей калдым.

- Капаланба, а балким.

- Эмне дейсиз жеңе?

- Оо кандайсыңар? - деп ар жактан Асел келип эч нерсе болбогондой Гүлнур менен өбүшө учурашып отуруп калды.

- Жакшы.

- Эмнени обсуждать этип жатасыңар?

- Эч нерсе, - деп койду Алима.

- Эмнесин жашырмак элем, - Гүлнур улутуна сөзүн улантты, - Темирландын кийинки күндөрү эмне болуп баратканын билбей калдым.

- Кандайча, - Асел билмексен боло табалагандай Гүлнурга кайрылды, - Силер аябай ынтымактуу элеңер го?

- Ошол жакшы күндөрдүн да жаман жагы болот экен.

- Анда Темирлан жезде башка аял менен жүрүп алгандыр?

- Эмне дейсиң?

- Ким билет. Асел, байкап сүйлөсөң боло? - Алима кызын тыйды.

- Мен эмне дедим, эркектер ошондой болгондо гана аялдарын жек көрө башташат деп уккамын, - Асел ого бетер басым кыла айтты, - Ал үчүн ажырашууңар керек, Гүлнур эже.

- Жок-жок, Темиш андайга барбайт, кыздарын абдан жакшы көрөт, ажырашууга жол бербейт, - деп Гүлнурдун чыдамы кете ордунан тура калды, - Кыздар кайда кетти, кетейинчи жеңе.

- Мен аларды алып келейин, - Асел туруп бакты карай басып кетти.

- Гүлнур, - деди ойлуу Алима.

- Жеңе, эмне дейсиң?

- Балким Аселдики туурадыр, аял азгырык деп бирөөгө чалынып калып эмне кылаарын билбей жүргөндүр?

- Анда эмне кылышым керек, жеңе? - Гүлнур аргасы кете Алиманы карады, - Анда эмне болот?

- Чынында эмне дээримди билбей калдым, ачыгын айтсам сен анын көңүлүн бурууга аракет жасашың керек.

- Кантип?

- Ушинтип эле, чачыңды жасатып, кийимди модасына жараша кийип экөөңөр бир-эки күн бирге болушуңар керек, жыттуу атырдан себинип алып, бетиңе дагы жакшылап кам көр, кандай дейсиң?

- Ойлонуп көрүшүм керек экен.

- Ойлонбой эле эртелетип өзүңө кайрып алуунун бирден бир жолу ушул, эркектерди билесиң го, гүлдөн-гүлгө конгон аарыдай болот, улам ширесине карап конот, чынында эркектерге айла жок эмеспи, акча кармап калса эле кайда чачаарын билбей ойноп күлүүгө жумшашат, бирок кийин өкүнүп калаарын кеч сезишет, - деди ойлуу Алима.

- Арстан акемдей миллиондоп кармаса бир жөн, кафенин акчасы бизди кенен каржылаганы гана болбосо..

- Сен касса менен ишиң жок, ишенип тим койгонсуң, адам ар түрдүү, азды да көптү да бирдей көтөрүп топук кылганы бар, жокпу көтөрө албай чүнчүп, бир аз акча кармаса кө-өп кеткени бар Гүлнур, сен абдан бейкапар, топуктуу аялсың.

- Чын эле менин эч нерсе менен ишим жок жеңе, Темишке биротоло ишенип алгамын, алып келгенине каниет кылып жашай берем, башкысы үйбүлөм аман, жашообуз эл катары деп ойлоп жүрбөйүнбү? - Гүлнур ойлонуп калды: "Ырас эле, муну азгырган бирөө бар, болбосо мени эмнеге көргүсү келбей калат, ким болду экен ошол аял", - деп мелтирей ойго чөмүлүп кетти.

Асел Самара менен Тамараны өзүнүн бөлмөсүнө ээрчитип келип Темирлан алып берген шуруну улуусуна тагып койду:

- Кана жактыбы, бул сага менден белек, - деди жылмая.

- Ооба жакты Асел эже, бирок мен али окуучумун да, улуулардан мындай кымбат белекти албай жүр деген апам.

- Мен өзүм берип жатпайынбы, мындай кымбат буюмдар көп менде, ошондуктан мен сага муну берип жатам.

- Рахмат, - Самара Аселди кучактап өөп мойнундагы шуруну кармалай сыртка жүгүрдү. Асел Тамараны колунан жетелей анын артынан келди, - Апа, Асел эжем бу шуруну мага белекке бербедиби.

- Эмнеге?

- Гүлнур эже, мен өзүм балдарды жакшы көрөм, анан да силер мага бөлөк бөтөн эмессиңер, Самара сиңдимдей, ошону үчүн өзүм бердим, - деген Асел кытмыр жылмайды: "Темирланың көрсө жүрөгү үзүлүп кетсин, аялынан чыга албаса кийин өкүнүп калаарын сезсин", - деген ойдо турду, негизи атайын Темирландын ичин күйгүзүп чычалатуу болчу анын ою.

- Асел, эжеңе рахмат айттыңбы? - Гүлнур өзү кыжаалат болуп отурса дагы Аселге чын дилинен ыраазы болду, эгерде койнундагы күйөөсүн дал ушул өз сиңдисиндей көргөн Асел бузуп жүргөнүн билсе кандай болот эле, аттиң! Бирок азыр андай ой Гүлнур бечаранын башына да келмек эмес.

- Чай ичкиле эми, кана кыздар үстөлгө, - деди жылдыздуу жылмайып кыздарга кайрылган Алима.

- Биз кетели, - Гүлнур туруп жөнөдү.

- Отурсаңар боло.

- Жок, эртең сага байланышам, жеңе.

- Болуптур анда, мен сени күтөм, - деди Алима Гүлнурду узатып жатып. Асел аларды карап туруп: "Айлаң кетип калган экен, мен Темирланды канчалык демитсем ошончолук айлаң кетет, андан көрө өзүң ажырашканың дурус болмок", - деп карап калды.

- Бечарага кыйын эле да, эки кызы да чоңоюп баратат, - Алима кейий үстөлгө отурду, - Тиги Лиданы айтчы, бизди унутуп калды бейм.

- Кызматчыны өзүңөр жаман үйрөткөнсүңөр, үйгө адам келгенин көрүп, байкап туруш керек го, булар бекер ичип-жеп жатып чын дилден кызмат кылууну да билишпейт, - Асел тултуңдай ары басканда алдынан Лида чыкты, - Эмне кылып жүрөсүңөр, үйгө адамдар келсе чай-кофе алып келгенди билбейсиңер, башка кызматчы албаса болбой калды, - деп ага чарт эте асылды Асел.

- Кечириңиз Асел айым, свет өчүп.

- Газ бар го?

- Газга кайнаганча...

- Баргылачы ээ, бекер аш ичкен жерге да түзүк кызмат кыла албайсыңар, арам күчтөр! - деп Асел жинденип жатканда Алима аны тыя сүйлөдү.

- Асел, болду эми, отуруп чайыңды ич.

- Мен чай ичпейм, кофе ичем, - деп тултуңдай отурду Асел.

- Азыр чай ичип тур, кофе даяр болгуча.

- Кереги жок, - Асел Лиданы карады, - Мага тезинен кофе алып кел.

- Жарайт, Асел айым, - Лида бүжүрөй ашканага жөнөдү.

- Бүжүрөп калышат, буларды бирөө бечара кылып койгонсуп, багынан көрсүн, укум тукумунан бери ушундай да булар.

- Койсоңчу кызым, кесирликтин да азабы бар, адамга бакыт үч жолу келет, келген бакытты кармай албай калсаң кандай билинбей келсе ошондой кетип калат. Дөөлөт тоголок болот балам, кармап-тутуна албай калсаң тоголонуп колуңдан учуп кетет. Мээнети жалпак дешет, бир жармашса кетиши кыйын, - Алима кызын ойлуу карады, - Андан көрө атаң менен агаң эчтеке биле электе ордуңду табышың керек, Урмат менен сүйлөштүңбү?

- Ооба-ооба, , - Асел шашып калды, анын Урматка чындап көңүлү деле жок, эптеп абийирин жабыш үчүн ойлоп таап алып эми күндөп-түндөп Темирландан жаңылык күтүп жатканын эне кургур кайдан билсин?

- Тездетиш керек, - деди ойлуу Алима.

- Апа, бир аз кое турсак кантет, балким кийинки жумада.

- Болбойт, атаңдын жүрөгү начар, эгерде төрүндө жүрүп бузулганын билсе ага кыйын болот, аясаңчы атаңды.

- Болуптур-болуптур, апа, - деп ордунан турду.

- Кофе алып келатат, кайда баратасың?

- Ичким келбейт, көңүлүм айнып кетти, - деп үйдү көздөй оозун басып жүгүрдү:

- Ай кызым ай, - Алима башын чайкап отуруп калды. Асел үстүңкү кабатка чыгып өз бөлмөсүнө келди да Темирландын телефонуна чалды:

- Ало Асел, - деген Темирландын үнү угулду.

- Темка, мен кыйналып кеттим, кетеличи бир жакка, айлам куруп баратат, деги ой барбы сенде?

- Асылым, менин мадоннам, мени кыйнабай тура турчу, ал эми Урматты токтото тур, акырындык менен баарын жайгарам. Нурдин сен экөөбүздүн мамилебизди билсе оңдурбайт, андан көрө келчи, сени сагынып кеттим, бир жерден тамактанып отуруп сүйлөшөлү.

- Ма-акул, каерден жолугабыз?

- Кафенин алдына келип мага чал.

- Жарайт, - Асел телефонун өчүрүп шашыла жасанып алып үйдөн чыкканда Алима:

- Кайда жөнөдүң? - деп сурады.

- Урмат жолугалы дейт.

- Аа-а, мейли, барсаң бар, - деп койду Алима, ал кызына ишенчү, боюндагы баласы Урматтан экен деп ойлонуп: "Үйлөнө турган болгон соң экөөнө эркиндик керек, андан көрө тоюн жакшыраак өткөрүүгө камынуубуз керек", - деп ойлонуп калган. Асел чыга калып эле такси жалдап Темирландын кафесинин жанына жетип чалды эле ал көп күттүрбөй эле чыга келди:

- Жаным кандайсың? - Бетинен өөп колдон алды, - Бол машинага отур, биерден бирөө көрүп калбасын.

- Көрсө көрө берсин!

- Кежирлик кылба, атаң абройлуу, агаң каардуу, алардын балээсине калбай иги-жигин билгизбей бүтүрүүбүз керек, ханышам, - деп болбой машинасына отургузуп айдап жөнөдү.

- Мен Нурдинден коркпойм, атамдын оорусу кармап калабы деп корком, - деп Асел ойлонуп калды.

- Кабатыр болбо жаным, бизге эч ким тоскоолдук кыла албайт.

- Бул жерден кетип бир-эки жыл жашырынбасак Нурдин тынч койбойт.

- Билем, ал мага катылышы да мүмкүн.

- Коркосуңбу?

- Корком, ал өтө каардуу.

- Мен сенин бизге жезде экениң үчүн гана уялам.

- Анан.

- Сүйүүдө күнөөнүн баары, - Асел Темирландын ийинине башын жөлөп көзүн жумду, - Бактыны сенден издедим, бирок ишенимим жоголуп өз тагдырымды башка бирөөгө байлаганы турам.

- Жок! - Темирлан рулду бир чаап бакырды, - Тирүү турганымда сени башка бирөөгө бербейм!

- Ишенбейм, сен чечимиңди чыгаргыча убакыт карап турбайт.

- Убакытты урганым жок.

- Жинденгенди токтотуп ишти бүтүрчү, Темиш, сенсиз мен өз өмүрүмдү кантип жашаганымды сезбей калам го.

- Санаа ичтеги балага зыян кылат, көп ажыкыстанбай бир аз чыдачы, менин баламдын денсоолугу чың болуп төрөлүшү керек, - деп Темирлан Аселдин ичин сыйпалап койду, Асел анын колунун үстүнө колун коюп:

- Балким экөөбүз кошула албайбыз, - деди.

- Антип айтсаң жанымды коерго жер таппай калам, андай сөздү угузбачы жаным, мына келип калдык, бул жер ээн, салкын дагы, түштүк эмесе, - Темирлан машинасын токтоочу жайга токтотуп кафени көздөй кирип кетишти. Кафенин кире беришинде фонтан бар экен, сыртындагы көлөкө жерден орун алышып заказ беришти.

- Темка, менин кардым ток, сен мага чечимиңдин ток этээр жерин эле айтчы, дагы канча күтүшүм керек? - Асел анын бет маңдайынан орун алып көздөрүнө тигилди, - Мени ушул кадамга жыргаганымдан барды деген турасыңбы?

- Мен сенин абалыңды түшүнөм, бирок туура эмес кадамга бардың Асел, чыдап күтүшүң керек болчу.

- Кантип, азыр менин боюмда бар экенин апам билип калды, бирок ал Урматтан деп ойлоп тойду тездеткенге аракет кылып жатат, билсең.

- Иттики десе, жанагы Гүлнур дагы уйгактай жабышып жанагы эки кызды бетине кармап жатпайбы, ошолор кетпе десе эле кала берчүдөй болуп, - Жини келгенинен муштумдары түйүлүп кетти, - Сенин колуңду да карматкым келбейт башкага.

- Андай болсо жүрү кеттик, азыр эле качып кетели.

- Жок, азыр болбойт, Самара менен Тамараны өзүм менен ала кетишим керек.

- Аларды кийин аласың, азырынча өзүбүздү калкалай турбайлыбы, - Аселдин жини келе сүйлөдү.

- Алтыным, мен кыздарымды жакшы көрөм.

- Андай болсо кала бер, мен күйөөгө чыгам! - деп Асел ордунан турганда Темирлан кармап калды:

- Отур, сен менин баламды бирөөгө көз каранды кылууга акың жок Асел, эми бир мүмкүнчүлүк бер, - деп жалдырай кайра отургузду, тамак келип экөө тамактанышты. Асел окшуп оңдуу иче албады. Канчалык бир сөзгө келмек болгону менен бир чечим чыгара албады, кечке маал аны Темирлан үйүнө жакын жеткирип кайтты. Үйүнө чарчап чаалыгып келсе Самара ага жетип келип шуруну көргөздү:

- Ата, муну карачы.

- Эмне экен? - деп Аселге берген кымбат баалуу буюмду көрүп ооз ача албай бир саамга туруп анан акырын күлгөн болуп сурады, - Муну кимден алдың, кызым?

- Асел эжем берди, меники башка толуп жатат, сен ала бер деди.

- Ма-акул-макул, - деп ичинен: "Сен менден кутулгуң келип калган экен, белегимди кызыма берип мени мазактайын деген экенсиң. Мен эч качан ага жол бербейм, көрөсүң менин сөзүмө тураарымды", - деп ваннага кирмек болуп баратканда алдынан аялы чыкты:

- Тамарага торт алып келем деп алдадыңбы?

- Унутуп калган турбайынбы, бар сен алып келе калчы, - деп чөнтөгүнөн акча алып чыгып берди.

- Өзүң алып кел, мен тамак жасап жатам.

- Эмнеге эле мени кыйнайсыңар ыя, ансыз дагы ишим чачыман көп, акча болгондон кийин алып келе бер да.

- Темике, анчалык ачууланбачы, алса алып келе коеюн.

- Алып келип жей бергиле, мен кафеге кетем, - деп ваннага кирип кетти.

Гүлнур ызаланып туруп калды, кечээ жакында эле ысыгы таркай элек жаш жубайлардай жумушка кетип жатып да, келээри менен да сагынганын айтып аймалап өөп турчу күйөөсүнүн минтип өзгөрүлүп калганына ичи күйүп, бейтааныш, өзүнө белгисиз аялды ичинен каргап, каңырыгы түтөп кетти: "Алима жеңенин айтканындай кылып көрөйүн, эгер чындап эле азгырылып жүргөн болсо кайтарып алаармын", - деген ойдо ички бөлмөдө ойноп жаткан кыздарына баш бакты:

- Мен дүкөнгө кеттим, атаңдын мүмкүнчүлүгү болбой калыптыр, торт алып келейин ээ?

- Макул, атам үйдө калабы?

- Жок, жумуштары бар экен.

- Жумуш-жумуш дейт, эмнеге бизди ойлобойт? - Самара апасынын кабагын байкап жүргөндүктөн тултуя сүйлөдү, - Жебейбиз тортту, өзү биз менен бирге болбосо.

- Ооба, жебейбиз, - деп Тамара аны коштоду.

- Антпегиле кыздарым, атаң бизди багам деп иштеп жүрбөйбү, кафеге заказдар түшөт, ошого жараша продукту алып даярдайт, анан чарчап калат да, силер отуруп тургула, мен кеттим.

- Алып келбей эле коюңузчу, апа.

- Кой, атаң алып келип бер деп акча бербедиби.

- Баары бир жебейбиз, - дешип эки кызы тең болбой койду.

Темирлан мунун баарын тең угуп жатты, жүрөгү сыйрыла кыздарын аяганы менен аялын ого бетер жек көрүп жинденип алды. Ага Гүлнурдун урушуп чатак баштаганы керек болчу, ал анткендин ордуна жумшак сүйлөп чатакты чыгармак турсун отту басаңдатып жатпайбы. Темирлан ал бир чаң чыгарып долуланса эле ачык айтып басып кеткиси келип турат, бирок Гүлнур сак-сактап кыздарына да сөз бербей жууп-чайкап турганга ого бетер кыжыры кайнап кетчү болду. Ваннадан чыгаары менен кийимин алмаштырмак болуп гардеробуна кирсе Самара артынан кошо кирди:

- Ата, сен каякка барасың?

- Жумушка, кызым.

- Апамды эмнеге ыйлатасыз, сиз жокто бизге көргөзбөй апам ыйлап жатат, эмнеге үйдөн качып калдыңыз, ата?

- Качканым жок, кызым.

- Калп, үйдөн дагы, бизден дагы качып жатасыз, жакында бизди таштап кетесиз го?

- Ким айтты, апаң айтса калп айтат.

- Апам айткан жок, менин классташым Минюранын атасы ошентип кетип калыптыр, башка аял алган дейт.

- Кой кызым, жаман ойду ойлобо, мен силерди таштабайм, - Темирлан кызын кучактап аяп, Тамарасын бир жагына көтөрүп өз бөлмөлөрүнө алып кирди, - Мен азыр жумушка кетем, апаң келгиче отуруп тургула ээ?

- Апам келгенде кетпейсизби?

- Эмнеге?

- Мурда жумушка баратканда өөп кетчү эмес белеңиз, азыр дагы өөп анан кетиңиз, - деп такылдады Самара.

- Кызым, анда биз жаш болчубуз, эми силер чоңойбодуңарбы, биз болсо картайдык, силерди багуу үчүн күн-түн дебей иштешим керек, - деп Темирлан тайсалдай эшикти көздөй баратканда Гүлнур кирип келе жаткан экен.

- Ата, мен айткандай кыласызбы? - деди алаканын чаба.

- Кызым.

- Ооба, атам азыр апамды өөп анан кетет, болбосо кетирбейбиз, - деп Тамарасы секире кол чаап кирди.

- Эмне болду, кыздар? - Гүлнур күлүп түшүнбөй кыздарын бир, күйөөсүн бир карап туруп калды.

- Атам сизди мурдакыдай жумушка кетип жатканда өөп анан кетет, - деди Самара.

- Койсоңчу кызым, жумушунан кечиктирбегиле.

- Жок, анда эч жакка кетпейт.

- Атам кетсе биз экинчи карабайбыз.

- Макул-макул, - Темирлан аялына жакындады, ушул кезде Гүлнурдун жүрөгү лакылдап кадимки жаш кезиндегидей өрөпкүй түштү.

- Темиш.

- Болду, көп сөздү кой, - деп кучактап өөп жатып демин суута сүйлөдү Темирлан, - Балдардын көңүлү үчүн, - деди да дароо кыздарына кайрылды, - Кана кыздарым, эми мага уруксатпы?

- Ооба-а! - деп экөө жарыша айтканда Темирлан экөөнү тең өөп-өөп анан, - Эмесе көрүшкөнчө, - деп шарт чыгып кетти. Гүлнур ушул ирээт андан абдан көңүлү сууду, өксүп-өксүп ыйлагысы келип турду. Бирок заматта көңүлдөрү көтөрүлө түшкөн кыздарын капалантып алуудан коркуп аргасыз жылмайды:

- Кана-кана, ким торт жейт, ашканага жүргүлө.

- Мен жейм.

- Мен дагы, - деп Самара менен Тамара жарыша апасынын артынан жөнөштү. Бул бактылуу мүнөттөр балалык сезиминде канчага чейин уланаарын ким билет, бирок Гүлнурдун ичи ачышып, жан дүйнөсүндө алай-дүлөй боорон-чапкын жүрүп, аяз улуп, кар борошолоп турду, тамагынан эч нерсе өтпөй, көзүнө жаш алуудан коркуп кылк-кылк этип ызасын жутуп жатты.

Темирлан үйүнөн чыгаары менен эле Аселге чалды:

- Кандай жаным зерикпедиңби, келчүлөрдү токтоткону жатасыңбы? - деди Аселдин үнүн угаар замат.

- Үйдө атам, Нурдиндер бар, өчүрөм, Темка.

- Болсо боло берсин, жиним келсе баарына ачык айтып сени туруп жетелеп кетем.

- Жинди болдуңбу, ошондо эле экөөбүздү тим коебу?

- Койбой эмне кыла алат, балалуу болгону турабыз го?

- Кереги жок, ишти иритип жибересиң, андан көрө Гүлнурдан ажыраш, анан баары ойдогудай болот. Эртең Урматтын ата-энеси келмекчи болуптур, ошого кеңешип жатышат.

- Келтирбейм, Урматка өзүм ачык айтам.

- Темка, сен мени өлтүргөнү жатасыңбы?

- Өлбөйсүң, экөөбүз эркин болобуз.

- Обуң менен бол, давай пока, - Асел ушинтти да өчүрүп койду. Жаны жай албай кайра чалды эле өчүрүп коюптур.

Ырысбектер кыздын колун сураганы бармак болуп камынып жатышты. Урматтын чый-пыйы чыгып: "Эмнеге Асел өзү мага тийгиси келди? Мен буларга айтпайт элем, ага дагы макул деген эмесмин, кайдан дагы жолуга калдым экен", - деп Маринаны басса-турса кызганып тынчы кете берди. Бирок ата-энеси даярдык көрүп жатканына жини келип кечинде кеч келип, эртең менен эрте кетип калып жүрдү, эртең барабыз деген күнү эртең менен аны Ырысбек токтотту:

- Ой бала, сен эмне эле болуп жүрөсүң?

- Эмне болуптурмун? - Урмат кайра өзүнө суроо узатты.

- Катынды сен аласыңбы же апаң экөөбүз алабызбы?

- Азыр шашыштын кереги жок болчу.

- Эмнеге, сен сүйлөшүп, сен баштадыңбы же менби?

- Мен баштаган жокмун.

- Анан ким баштады?

- Ата, жумуштан кечигип жатам, - Урмат чыгып кетмек болгондо Калима чыга калды:

- Уулум, бүгүн кийим-кече алышыбыз керек, Аселге көйнөк, жоолук алабыз, сен костюм шым алышың керек.

- Апа, эртең эле алабыз.

- Ошо да болчу беле, уяттуу кишинин алдына барабыз, баарыбыз тең жакшы кийинип барбасак болбойт, - Калима дагы каңылдай баштаганда Ырысбек аны тыя сүйлөдү.

- Уяттуу-уяттуу деп эле какшанасың, сен эмне кол карап калдың беле, балдар өзү билсин, эмне эле шаштырасың?

- Акыры үйлөнө турган болгондон кийин эртерээги болгон жакшы эмеспи, кыз деле жаман эмес.

- Жаман-жакшысында эмес, экөөнүн көңүлү бар же жогунда.

- Опей ботом, мен эмне өзүм чыгардымбы, өздөрү го.

- Ошондой болгону менен балаңдын көңүлү жогун көрбөй турасыңбы, - Алар айтышып жатканда Урмат чыгып кетип калган, - Урматтын ага үйлөнө коеюн деген ою да жоктой, кемпир. Байкап иш кылсакпы дейм, балаң кургур чалынып алып эмне кылаарын билбей жүргөн жокпу?

- Кайдагыны айтпасаңчы, Асел деле андай кыздардан эмес.

- "Эме-ес, эмес" эле дейсиң, аны менен кошо жүрдүң беле? - Ачуусу келип сыртка чыгып кетти.

- Ой тобо-о, ата-бала биригип алып мени жиндиге чыгарып коюшат, эмне кылсаңар ошо кылгылачы, - деп булкуна кайра ашканага кирип кетти.

Урмат келсе Марина эбак келип иштеп жаткан экен, акырын баш багып:

- Марина, кандайсың? - деди.

- Жакшы, - деп ордуна отурду, экөөнүн кабинети бир, бет маңдай отурушат, бир кезде Маринанын алдындагы телефон чыркырап калды:

- Ало, угуп жатам. Аа-а, азыр кирем, Нурдин Арстанович, - деп эки папканы алып алды да Нурдиндин кабинетине кирди:

- Кел Марина, иштериң кандай, отур.

- Рахмат, баары жакшы.

- Марина, каршы болбосоң бүгүн Турциядан кишилер келет эле, менин кеңешчим катары конокторду тосууга мени менен бирге бар.

- Бара албайм го?

- Эмнеге?

- Үйдө иштер болуп жатат.

- Кандай маселе, акча маселеси болсо мен жардам берем.

- Жок-жок, андай эмес, үйбүлөлүк маселе.

- Марина, эгерде анчалык маанилүү болбосо менин сөзүмдү угуп бир жолу колдоп койчу, анан акырындык менен кеңешчиге бирөөнү тапканча сен аткарып тур, суранам, Марина.

- Билбейм, - Марина ойлуу ыңгайсыздана отуруп анан, - Кайдан тособуз? - деди.

- Элита мейманканасынан, бүгүн кеч келип эртең иштер боюнча сүйлөшүү болот, - деп Нурдин Маринадан көзүн албай жооп күтүп карап турду, - Кана Марина.

- Нурдин Арстанович, сизди бир жолу колдоп койуум керек, анткени сиз менин жетекчимсиз да, - деди Марина жылмая.

- Азамат, келе колуңду берчи, - деген Нурдин Маринанын сунган колун өөп койду, - Рахмат сага Марина, анда жолго чыгалы.

- Жарайт, - деп Марина кабинеттен чыгып ордуна келди.

- Ал сени эмнеге эле чыкырып калды? - Урмат тынчы кетип жаткан, дароо эле суроо узатты.

- Урмат, сен кызыксың, иш боюнча сүйлөшүүгө болбойбу, ал менин шефим экенин унутуп калгандайсың го?

- Марина, сени ага алданып калбасын дегеним да.

- Мени алдагыдай айбан эмесмин.

- Макул, кийин өкүнбөгөндөй бол.

- Өкүнгөндөй сенин эмнең кетет Урмат, жакында үйлөнөсүң, аялың болот, а мени менен ишиң да жок. Жашоого аттанасың, мен сенин кадамыңды кайтарганым жок го? - деп үстөл үстүн жыйнап, сумкасын ийнине арта салып эшикке карай басты.

Ошол убакта Нурдин чыгып Марина экөө бирге жөнөгөндө ого бетер туталанып терезеге келди, анысын билгендей Маринаны отургузуп коюп өзү рул жакка отураарда табалагандай Нурдин дагы терезени карап Урматты көрүп жылмайып алды да жүрүп кетти. Ал Маринаны атайын эле өзү турган мейманканага алып келип өз мүдөөсүн ишке ашырмак болгон. Марина ага ишенип аны менен жүрдү, бир кезде эки түрк келип алар менен чогуу мейманкананын алдындагы ресторанда отурушту, Маринаны аларга кеңешчим деп тааныштырды. Бир аздан вино ичип жатып Марина кызып калды, күлкүсү чыгып, конокторду мейманканага жайгаштыргандан кийин экөө дагы тамактанып импорт винодон алып келди.

- Мени кыйнабаңызчы, үйгө бара берейин, - деди Марина араң.

- Жок-жок, Марина, мен сенден өтүнөм, мындан ары мени атымдан эле айта берчи, - деди Нурдин, - Бүгүн мени менен ичип койсоң эч нерсе болбойт.

- Коюңузчу, менин башым айланып жатат, көп болуп кетти.

- Эч нерсе эмес, өзүм жеткирип коем.

- Кыйнабаңызчы?

- Кыйнабайм, бирок сыйлагым келип турат, - деп Нурдин жылмайганда Марина да жылмайды. Дагы бирден ичишти, Марина болбой калганда Нурдин сакчысына ымдады эле ал аны көтөрүп үстүңкү кабаттагы Нурдиндин бөлмөсүнө киргизип спальныйга жаткырды. Эчтеке билбей жаткан Маринанын үстүнө Нурдин кирди да жанына отуруп чачынан сылап көкүрөгүнө колун алып барганда Марина уйкусурап:

- Апа-апа, - деп ары оодарылып кетти, - Апа, апа, кайдасың?

- Марина, - деп акырын жаагына колун тийгизсе козголбоду, эне деген сөз Нурдиндин таштай каткан жүрөгүн жибитти, шымын чечмек болуп курун бошотуп койгон, отурган жеринен туруп үстүн жаап коюп бир саамга кызды карап туруп анан бөлмөдөн чыгып кетти:

- "Жо-ок, Марина башкача кыз, булгаганга дитим барбады, андан көрө үйүнө аман-эсен жеткиришим керек, өзүмдүн катуулугумдан кыркка чыкканча үй-жай күтпөй жүрөм, мен таш жүрөк адам окшойм", - деп ойлонуп башка бөлмөгө жатып калды.

Ашыраалы Урматка түндөсү чалды эле ал туруп алып дагы бир өздөрү менен иштеген Зейнеп деген кызга чалып алардын кайда кеткенин билди да, машинасын айдап жөнөдү. Ал Нурдиндин өзү барып жүрчү мейманканасын билчү. Түнкүсүн жолдо бирин-серин машиналар болбосо ээн эле, зымырата тааныш мейманканага жетип эле Нурдиндин бөлмөсүнө кирип барды. Марина эч нерсе билбей жаткан, көтөрүп алып астыңкы кабатка түштү да сырттагы машинасына салып өздөрүнө жакын паркка алып келип карап отуруп уктап калды. Бир кезде Марина ойгонуп алып чоочуп кетти, эки жагын каранып алып Урматтын машинасында уктаганын көрүп ого бетер башы ооруп аны ойготту:

- Урмат, Урмат дейм, турчу, - аны жулкулдатканда ойгонуп кетти.

- Марина, таң атып калдыбы? - Тура калып көзүн ушалап, - Марина, сен мени кечир, Ашыраалы ата чалып сураганынан сени алып келгемин. Сен кызуу экенсиң, анан бул жерден таң атырууга туура келди.

- Кантип таптың?

- Нурдиндин жүргөн жери мага белгилүү.

- Анда мен кеттим, - Марина Урматтан уяла чачын оңдоп, көйнөгүнүн бырышын түздөмүш этти да машинадан түшүп үйүнө кетмек болду.

- Марина, токточу, - Уйкусураган Урмат жанына келди, - Мен сага айтпадым беле, Нурдин жаман адам деп.

- Эмне болду, болгону компаниянын иштери боюнча конокторду тостук, Турциядан келишиптир.

- Эч нерсе билбей калгыча ичип Нурдиндин бөлмөсүндө жатып калганыңчы? - Урмат күйүп-бышып айтып кирди, - Анын спальныйында эч нерсе билбей жатып калганыңды эмне деп түшүнсө болот?

- Нурдиндин спальныйындабы? - Маринанын көздөрү чакчайып кетти, - Ал деген мейманкана, Нурдиндин бөлмөсү же спальныйы эмес.

- Жаңыласың Марина, мен анын конокторду кайдан кабыл алып, өзү кайда түнөөрүн жакшы билем, анын бөлмөсүнө башка жанды киргизбейт, кыскасы ал мейманкана дагы Нурдинге, Арстан агага тиешелүү!

- Кантип?

- Ошентип эле, дүйнөдө сен экөөбүз билбеген нерселер көп, жаныңда жүргөн адамдын сырын билбейсиң. Дагы айтам, Марина, сак бол, эгерде мен болбосом ким билет эле эмне болооруңду?

- Жетет! - Марина тура калып үйүн көздөй жүгүрүп жөнөдү. Урмат унчукпай кала берди.

Нурдин эртең менен туруп жуунуп кийинип алып анан Маринаны ойготкону кирсе ал жок, жуунуп жатабы деп ванна жакты тыңшаса тынч, "Ал кайда кетти, түндө кетип калдыбы, балким туалеттедир", - деп тыкылдатса эч ким жок, аргасыз өзү мейманканадан тамактанып алды да жумушка жөнөдү. Ал бул мейманканага көңүл ачуу үчүн кыз-келиндерди да алып келип эс алып кетчү: "Жан дүйнөсү таза кызды булгаганым болбос, акыры менин колумда, кайда бармак эле, башка жумушка кете албайт, маянасын көбөйтүп койсом иштей берет", - деп ойлоп компаниясына келди, абдан эрте келгендиктен эч ким жок эле. Кабинетине кирип көпкө отуруп анан Маринанын кол телефонуна чалды, бир аздан кийин анын үнү угулду:

- Нурдин Арстанович, угуп жатам.

- Марина, кандай эс алдың?

- Жакшы, рахмат.

- Жумушка келесиңби?

- Жөнөп жатам.

- Күтөм, - деп телефонун өчүрдү да керилип алды. Ордунан туруп кабинетинде аркы-терки басып жүрүп: "Ооба-а, мен аялдардын сезими менен көп ойнодум, бирок бир да бирөөнө мындай сезимде болбоптурмун, Марина башкача жан, аны бардык жагынан колдошум керек", - деп ойлонуп жатты.

Марина киргенде эле түн бою уктабай күтүп отурган Ашыраалы эшикти ачып эле кызына кабатырлана карады:

- Кызым, кайда жүрөсүң?

- Ата, иштер боюнча, компаниянын иши үчүн коноктор келген.

- Анан түнү бою жүрүп аласыңбы, апаң болбогон соң мен сен үчүн кам көрөм, кабатыр болом, иши кылса менин жүзүмдү жер каратпа, - деп артка басты, - Эми жаш эмессиң, акылың жетик кызсың, мындан ары кечиксең үйгө чалып кой, кызым.

- Ата, менин убактым болбой калды, кечирчи ата, - Марина атасына боору ооруй ашканага кирди, кофе ичип алгысы келди, бир аз ичкенге кызып калганына Урматты кайра-кайра ойлоно берип өзүнөн-өзү уялып жатты. Башы да ооруп турган, ысык кофе ичип анан атасына эртең мененки тамагын берди. Анан шашыла жумушуна жөнөдү, ал келгенде Урмат менен катчы кыз өз-өз ордунда экен.

- Келдиңби, мына бул папкадагы бир кагаз жоголуп жатат, Марина, - деди Урмат ага карап.

- Кандай?

- Бул фирманыкы болчу, жаңыдан өндүрүлгөн продуктулардын тизмеси.

- Мен аны карап көрөйүн.

- Жарайт, ал бизге керек, - деп Урмат кайра кагаздарына үңүлдү, аз өтпөй эле Маринаны Нурдин чакырып калды, дароо ордунан туруп кабинетине баш бакса ал тура калып учурушканда Марина уялып кетти.

- Кандай эс алдың Марина, кел отур.

- Рахмат, - Марина ыңгайсыздана орун алды, - Рахмат, Нурдин Арстанович.

- Марина, Марина, - Нурдин аны тике карап үстөлгө эңкейе ага тигилди, - Суранам сенден, досторчо эле Нурдин деп айтып жүрчү.

- Кечириңизчи, унутуп калыпмын, - Жылмая карады.

- Мындан кийин өз атымдан гана айтып жүргүн, анткени Арстанович дегениң экөөбүздүн ортобузду алыстатып турат экен, кофе ичелиби?

- Макул.

- Кыйналган жоксуңбу?

- Жок, бир аз эле, мурда ичпегенге ошентип жатса керек, - деди Марина жер карай.

- Марина, кофеден кийин бир жерден тамактанып бир аз сүйлөшпөйлүбү, сунушума кандай карайсың?

- Болбойт го, бир аз документация бар эле…

- Ал бүтөт, андан да зарыл иш бар, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, - деп Нурдин Маринаны сырдуу карады.

- Кандай зарыл иш?

- Ошондо сүйлөшөбүз, кана кеттикпи, Марина? - деп Нурдин анын жанына келди, - Мен сени сыртта машинада күтөм, - дегенде кофе келип үндөбөй отуруп кофе ичишти да экөө кабинеттен бирге чыгышты. Нурдиндин кабинетинин эшиги Урмат отурган жерге көрүнүп тургандыктан ал кыбыр эткенди байкап турат, алардын ээрчише чыгып Нурдин ары жакка, Марина өз ордун көздөй жөнөгөнүн көрүп эс ала түштү. Ошол убакта Асел келип калды:

- Урмат, мени менен салонго барып келчи.

- Өзүң эле бара бербейсиңби.

- Чогуу баралычы эми.

Марина аларды саамга көзүнүн үстү менен карап туруп, анан сыртты көздөй чыгып кетти, анын кеткенине кыжаалат болгон Урмат:

- Эмнеге эле өзүң бара бербей мага келесиң? - деп ороңдоп ийди.

- Урма-ат, эмне болду сага, бүгүн биздин келечек жолубузга жол ачылаар күн эмеспи, буйруса колуктуң болом, дагы бир жумадан кийин үйлөнөбүз, мен сага түшүнбөй турам.

- Эми өзүң бара бер да, - деп эси-дартынын баары Маринада болуп күңкүлдөп ручкасы менен такылдата үстөлдү ургулап жатты. Аселдин телефону чырылдап калды, караса Темирлан:

- Урмат, сен барбасаң мейли, саат төрттөн кечикпей барып каласыңбы, мени курбум чакырып жатат, салонго Айназик менен бармак болдум, - деп Асел шашыла чыгып кетти.

- Шайтан алгырдыкы, эмне мен айбанмынбы, эркек мен эмес ал үйлөнөлү десе мен эмнеге жок дебей илээштирип алдым?! - деп кыжаалат боло ордунан туруп, - Ту-уй итттики! - деп алды.

Асел шашыла Темирлан айткан жерге келсе күтүп туруптур, экөө эзелтен бери көрүшпөгөндөй кучакташып саамга туруп калышты, ички сезимдерди айтып болбос, анткени жашпы, карыбы бул ыйык сезим ар бир адамда болуусу мүмкүн, ашыктар жөнүндө далай ирээт акындар дастан жазып, ырчылар ырдап дүйнөгө жар салып келген эмеспи, булар дагы бири-биринен айрылгыс болуп табышкан тагдыры чындап өкүнүчтүү боло турган болуп калган эле. Эгерде Асел унчукпай Темирландын айтканы менен чыдап күткөндө башкача болмокпу, аны да тагдыр өзү билет…

- Темка, мындан ары экөөбүзгө жолугууга болбойт, - деди Асел көптөн кийин.

- Эмнеге, мен сени азыр алып кетип таптакыр башка жакка катып коем, таба алышпайт.

- Жок-жок, анда мени күтүп калышат, мен барбасам уятынан атам өлүп калышы мүмкүн, - Асел Темирланды жалдырай карады, - Эми биз кошула албайбыз, Темиш.

- Болду, мага мындай сөздү угузба, сени Урматка карматканча өзүм өлгөнүм артык, сен ушуну гана каалап жатасыңбы? - Жиндене кызды жулкулдатып жиберди.

- Атам силерди дагы чакырып жаткан.

- Кереги жок, сен экөөбүз барбайбыз, - Темирлан кызды бекем кучактап алып кое бербей бети башын өпкүлөп жатты, - Мен сени эч кимге бербейм!

- Темиш, мен салонго барып анан кечикпей үйдө болушум керек.

- Барбайсың!

- Барам, сен өзүң чечкиндүү боло албадың, баарына өзүң гана күнөөлүүсүң, - Асел андан өзүн бошотмок болуп тартынып жатты, - Мен атамды жер караткым келбейт, Темиш. Эми баары кеч, Урмат сени менен минтип жүргөнүмдү билсе кандай болоорун ойлосоң.

- Ал май баштын эсебин өзүм табамын, сен меники гана болушуң керек, - деп Темирлан аны кое бербеди.

- Сен антип карөзгөйлүк, өзүмчүлдүк кылба, мен барышым керек, азыр алар сөйкө салып кете беришсин, мен сени гана сүйөм, сенсиз менин күнүм түнгө барабар, Темиш. Той болгончо сен ишиңди бүтүр, - Асел андан бошонуп кетээнчиктей артка басты, - Мен сени мененмин, түбөлүк сени менен болом, азыр мага тоскоолдук кылба, атамдын көңүлүн жайлантып коеюн, - деди да Асел чоң жолду көздөй жүгүрүп жөнөдү.

- Мен акмак, мен акмак! - Темирлан Асел менен кошо ыйык буюму кетип калгандай эки колдоп башын мыкчый тегеренип алды да кафесине келди, Акмат аны көрүп башын ийкей учурашты эле саламына жооп кылбай эле, - Кассаңды такта, канча акча бар? - деди.

- Жарайт, - Акмат күндүк акчаларды эки-үч күндө өткөрүп берип турчу, эсеп кысабы так, баарын чыгыш-кириш кылып даярдап койгон, - Мынакей, бир жумадагы кассага түшкөн акча, - деди алдына коюп.

- Бул жерде канча?

- Элүү миң.

- Бир жуманыкыбы?

- Ооба, кардар аз болуп жатты.

- Макул, - Темирлан жанын коерго жер таппай алдастап туруп Акматка кайрылды, - Сага жардамчы керек эмеспи, жалгыз болуп кыйналган жоксуңбу?

- Бирөө болсо жакшы болот эле…

- Азыр мен жардамчы алып келип берем, - деди да чыгып кетти, ал ошол күнү кечинде зорго бир кызды алып келди. Иш таппай жүргөн Сабина кубана келип Акмат менен иштер боюнча таанышты. Сабинанын тамак-аш жасоо боюнча мастерлиги бар эле. Темирлан аларга дайындап коюп айылдагы ата-энесинен калган жерин сатып келгени кетти. Түндөп жетти айылына, жери абдан кенен, анан жакшы болгондуктан кардарлар көзүн артып жүргөн эле, жакын туугандарынын бириникине келди да шашылыш сата тургандыгын айтканда алар аркы-берки акылын айтышкан болду.

- Эртедир-кечтир өзүңө керек болот, жерди сатканың туура эмес, андан көрө тим кой, атадан калган жерди сатпа, - деди улуу агаларынын бири Көкүмбай.

- Бул сага атадан калган мурас болот, - деди дагы бири.

- Жок агалар, мен сатышым керек, бул жакка келбейм го, үй-жай бар, жашоо кудайга шүгүр, - деп Темирлан болбоду, акыры кызыккан кардар айткан баасын берип дароо сатып алды, акча колуна тийери менен эле кайрадан шаарды көздөй жөнөдү. Түндө үйүнө келсе Гүлнур ачты, бирок экөөнүн ортосунда сөз болбоду, ал дулдуя ваннага кирип кетти, чай-тамагын даярдап отуруп үргүлөгөн Гүлнур караса кийимчен келип диванга жатып алыптыр. Унчукпай өзү спальныйга кирип жатты да ыйлап алды: "Өлүп кеткир, менден өйдө бекен тапканы? Ким, кандай неме болду экен, деги качан бүтөт бул оюн, кайсыл күнү ажырашам деп келээр экен", - деп ойлонуп уктабай таң атырды.

Эртең менен турса Темирлан өзү тамакты ысытып ичип жатыптыр, аны көрүп жуунуп алып анан ашканага кирди.

- Темиш, кел картанын бетин ачып ойнойлу.

- Эмне деп башты оорутуп жатасың таң атпай.

- Баары бир ачыкка чыгат. Кечээ Арстан ага Аселдин колун сураган кудалары келип сөйкө салышты, бизди чакырды эле сен жок жалгыз бардым, мени менен жашагың келбесе ачык айт.

- Сени менен жашагым келбегени чын, бирок кыздарымды сага таштабайм, алып кетем, - деди тамак ичип жаткан кашыгын идишине салып жатып, - Кыздар мени менен болушу керек.

- Эмне дедиң Темирлан, мени таштаганың аз келгенсип кубанычым, бактым болгон эки кызымдан айрыгың келип жатабы? - Гүлнурдун көз жашы мөлт этип агып кетти, - Жо-ок Темиш, мен сенин айыңдан, сен деп жалгыз апамдын тилин албай ээрчип баса бергемин, сенин мага тартуу кылган бактың ушулбу, мазактап туруп басып кетем деп ойлойсуңбу, мен сага кыздардын колун карматпаймын, Самара менен Тамара мени менен болот! - деди колун кезей, - Ошолорду алып кетем деген ой башыңа да келбесин.

- Алып кетем.

- Кете албайсың.

- Эмнеге, өзүмдүн балдарым го?

- Меники эмес бекен? - Экөө ажылдашып жатканда Самара менен Тамара ойгонуп келип ыйлаган бойдон аларды карап туруптур, аны көрө коюп Темирлан тура калып жетип колуна алаарда Гүлнур эки кызды өзүнө тартып алды.

- Ата, урушпагылачы, - деди Тамара соолуктай.

- Эмнеге урушасыңар? - Самара экөөнү алмак-салмак карап көзүнүн жашын колу менен сүрттү: "Мен экөөңөргө тең барбайм, кетем өзүмчө" - деп ич көйнөкчөн өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Самара, садагам кызым, - деп Гүлнур анын артынан келсе эшикти ичинен илип алган экен. Экөөлөп ачтыра албай жатышты, акырында өзү ачып:

- Мага сүйлөбөгүлө, ажырашсаңар мен биротоло качып кетем! - деп диванына жатып алды. Экөө эки жагында отуруп эптеп сооротушту, Тамара дагы алардын жанына келбей ыйлап жатты.

- Биз укпадыкпы, ажырашам дедиңер го?

- Кызым, мен силерди таштабайм, - деп Темирлан аргасы кете кызын колуна алды, - Биз жөн эле сүйлөштүк го?

- Калп, силер ажырашабыз дедиңер, - деп ыйлай берди.

Гүлнур үн деген жок, улам күйөөсүн карап коет, Темирлан аялына жини келип: "Бул атайын үйрөткөн экен, балдар менен мени кармап калгысы келген го. Жаңыласың Гүлнур, сен мени кармай албайсың, мен баары бир сенден кетем", - деп ойлонуп жатты, бирок Гүлнур аларга үйрөткөн эмес, өздөрү гана айтып жаткан. Көптө барып эки кыз сооронгондон кийин Темирлан:

- Мен эми жумушка барайын кызым, - деди экөөнү беттеринен өөп, - Кечинде эрте келем, макулбу?

- Эрте келесизби?

- Келбесеңиз биз барып алып келебиз.

- Ооба-ооба, болуптур анда кеттим, - Темирлан шашылган бойдон чыгып кетти, Гүлнур каткан бойдон отура берди, ал үмүтүн биротоло үзүп тобокел кыла ордунан туруп кыздарын эрте мененки чайга алып кирди, тойгузуп экөөнү кийинтип ойноп келүүгө жөнөттү да кийимдер илинчү шфонерин ачып жиндене Темирландын кийимдерин ыргытып жатты.

- Мына сага, эми келсең кийимдериңди колуңа берип үйдөн кууп чыкпасам элеби, ошол тапканың менен бактылуу болгонуңду көрөм, - деп ыйлап да өзүнчө сүйлөнүп да жатканда жерге бир бүктөм кагаз түшүп калды. Эңкейип ала койсо шурудай тизилип жазылган кат экен: "Алтыным Темка, мен сени сүйөм, сенсиз жашай да албайм, биз качан эркин учкан куш болуп жетелешип өзүбүзчө жашайбыз?! Темка, тезирээк эле сенин башыңдын бошошун каалаган жалжалың", - деп коюптур, - Акмак, жалжалын тапкан экен, - деп кагазды мыкчый диванга келип отурганда эшиктин коңгуроосу чыр этти, ачкысы келбей отура берди, өчөшкөнсүп чырылдаганы токтобогонунан туруп барып ачса Асел экен.

- Сизге эмне болду, уктап жаттыңыз беле?

- Ооба, - Көңүлсүз артка кайрылды.

- Самаралар кайда?

- Ойноп кетишкен.

- Гүлнур эже сиз башкачасыз го, ыйлагансыз го? - деп такып жаралуу жүрөгүнүн түйүнүн билип туруп сурап жатты Асел.

- Эч нерсе…

- Темирлан жезде дагы эле келбей жатабы?

- Келмек тургай ажырашабыз дейт.

- Койчу? - Калп чоочумуш болду Асел.

- Ошондо-ой, эгерде бузукунун ким экенин билсем акесин таанытат элем. Жакшынакай үйбүлөнү бузган неме бак таппайт го, ылайым эле мендей болуп зыркырап калсын, - Гүлнур каргап-шилеп ыйлап жатты. Асел ичинен ага жини келип: "Мындан да жаман болосуң, шашпа. Темиш меники гана болот", - деп ойлонуп Гүлнурга жооткотоор сөз да айтпай мисирейип тура берди.

- Баса, тоюңар кайсыл күнү боло турган болду? - Гүлнур өзүн кармап алаксымак болуп кайрылды.

- Кийинки жумада болот.

- Жүр чай ич.

- Ичтим, - деп Асел кетмек болду.

- Отур, менин жанымда отуруп анан кетсең, - деп ички бөлмөсүнө алып кирди, ошол убакта телефону чырылдаганынан ала коюп, - Ало Темиш... ыя?! - деп сүйлөбөй бозоруп отуруп калды.

- Эмне болду, Гүлнур эже? - Асел билип туруп билмексен боло чебелектеп калды.

- Темиш ажырашууга адвокат жалдадым дейт…

- Койчу? - деди Асел сыртынан билгизбегени менен табалагандай мыйыгынан жылмайып алды: "Алда качан ушундай болуш керек эле, өз сүйүүңдү далилдей алсаң анда мен сени өмүр бою сүйүп өтөм, Темка", - деген ойдо Гүлнурга карады, - Кантип эле, эмнеге антип жатат?

- Бузулган аялга жолугуп калганы белгилүү да, биздин көз жашыбыздан бакыт тапмак турсун моло кучактап калсын, - Гүлнур өзүн жогото диванга жатып калды.

- Гүлнур эже, чай ичесизби?

- Жок.

- Анда кофе даярдап берейин.

- Мейли Асел, мындай учурда кофе жардам берээр, - Гүлнур көзүнүн жашын аарчып үндөбөй калды.

Асел кофе даярдап алып келип берип маңдайына отурду:

- Көп капалана бербеңиз, мен барайын, - деп чыгып баратып телефонун алды, Темирлан чалып жаткан эле, - Ало, угуп жатам, азыр барып калам, - деди да, - Кабатыр болбоңуз, мен кеттим, - деди да ашканага кирип газды акырын ачып коюп, акырын Гүлнур жаткан бөлмөнү карады да чыгып кетти. Гүлнур көпкө ыйлап жатып өзүнүн алсырап баратканын сезди, бара-бара өзүн жоготуп көзү тумандап калганда Акматка чалды. Ал көп өтпөй эле келип калды, ал эшикти зорго ачып кирип үйдүн ичи газга толуп калганын билди да адегенде ашканага кирип газды өчүрдү да айнек эшиктерди ачып Гүлнурга кирди:

- Ой, сизге эмне болду?

- Билбейм, алсырап өлөйүн дедим, - Шалдырап зорго сүйлөдү. Акмат аны көтөрүп чыгып эшикке отургузду.

- Этият болбойт белеңиз, газды өчүрбөй коюпсуз, дагы жакшы, жарылып кете электе билип калганыңыз.

- Газ? - Гүлнур Акматты түшүнө бербей карады, - Газ өчүрүлбөптүрбү?

- Ооба, мен өчүрүп терезелерди ачтым.

- Асел мага кофе кайнатып келген, ошол унутуп калган го?

- Асел...

- Ооба, ал эчтеке жасабаган неме унутуп калган тура, - Гүлнур Аселден эч бир күмөн санаган жок.

Акмат дароо эле түшүндү, эс алып үй ичин шамалдатып коюп анан Акмат өз ишине кетти, ал азыр толук милдеттенмени моюнуна алып кафени өзү тейлеп жаткан. Сабина ашкананын милдетин толук алды, эми экөө кеңешип бир официантка алмак болуп жатышкан эле.

Темирлан болсо эки кызын эптеп эле алдап алып кетүүнүн амалын ойлоп жатты. Асел да мурда жолугушуп жүрчү жерине жетип келди.

- Эмне болду, менин шумкарым? - деп экөө кучакташып өпкүлөшүп жатты.

- Баары жайында, жерди сатып келдим, эми Тамараларды эптеп эле алып чыгып алсам, кетебиз.

- Темка, сен азыр кыздарды кое турсаң болмок, аларды кийин деле алабыз, биз эптеп из жашырып кетүүбүз керек, эгерде той болсо анда эч кандай кошула албай калабыз, - Асел аны тынчсыздана карады, - Баарынан мурун экөөбүз жашыруун кетип калсак, мен төрөп алсам анан атамдар дагы унчуга албай калат эле.

- Коркпо, баары өз-өз ордуна келет, жаным.

- Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезгенсийт.

- Мен сени эч кимге бербейм, сен Урмат менен жолугушпа, анын сенин жаныңда отурганын элестетсем каным кайнап кетип жатат, Аселим, - Жүзүнөн өөп аймалап жатты, - Жүрү бир жерден тамактаналы, менин баламды сен эч качан ачка кылба, - Мурдунан чымчып койду. Ал күнү тамактанып келгенден кийин экөө керээли кечке бакта басып жүрүштү. Жайдын толуп турган кези, аба жок ысык аптап адам демин кыскан кезде салкын бактын ичи өзүнчө эле керемет. Кечке маал гана үйүнүн жанына жеткирип коюп кайра кайтты. Гүлнур Темирлан кирээри менен эле баштыкка салынган кийимин колуна карматты.

- Сен эми биздин катарыбыздан биротоло кет, бирок ажырашууга мен сага уруксат бербейм, каалаганыңча жүрө бер!

- Эмнеге, сен мени кыздар менен кармап кала албайсың.

- Кармап калайын деген оюм дагы жок, баары бир ажырашпайм.

- Жинди болбо, эртең адвокатка баруубуз керек.

- Сен бара бер, эртеңден тартып кафени өзүм тейлейм, ал жерге дагы баруучу болбо, кийимдин жакшысын кийбей үнөмдөп жүрүп ошону сатып алган менмин, эмгегим өткөн, - Гүлнур ичиндеги бугун чыгара бүт айтып жатты, - Болду, бара берсең болот!

- Сен мени мындай жол менен кетире албайсың, арызга кол коюп мыйзамдуу түрдө ажырашабыз, анан кетем, - деп Темирлан залга өтүп жатып алды.

- Сени шуркуяң күтүп калбасын? - Гүлнур күйөөсүн көзүнүн огу болсо атып ийчүдөй карады.

- Менин эч кимим жок, жөн гана сени менен жашагым келбейт.

- Мен сага эмне кылдым эле, эч кимиси жок жетимдигиңди билип туруп сага күйөөгө чыкканым үчүнбү, же сенин кайда жүргөнүңдү тергеп тескебегеним үчүнбү, а балким сени аяган мээримдүүлүгүм күнөөдүр?

- Көп сүйлөбөчү, - Темирлан терс карап кетти.

- Бул үйгө мындан ары келчү болбо.

- Эмнеге, кыздарым турган жерде келе берем, сен үчүн келгеним жок!

- Кыздарыңды кайдагы бир шуркуяга алмаштырган соң алардын сага эмне кереги бар? - Ачуусу келе карады, - Керек болсо алардын караанын көрсөтпөйм.

- Сен кимсиң, менин балдарымды өзүмө көрсөтпөгөндөй, сенин аларды бага турган абалың жок, баары менин атымда, керек болсо соттошуп алып коем, - Темирлан тура калды, - Өзүңдү гана чыгарып коем.

- Кана, азыр чыгарып койчу? - деп Гүлнур күйөөсүнө тикелешип калды, - Чыгар, чыгарып көрчү!

- Сага теңелгенче, - деп Темирлан чыгып кетти үйүнөн, Гүлнур кийимдерин салган баштыкты көтөрүп алып кетти. Гүлнур кийинди да жиндене анын артынан чыкты, Темирландын машинасы көрүнбөгөн соң таксиге отуруп кафесине келди. Кафесинин аты "Самара", - болчу. Акмат менен Сабина аны карап калды.

- Келиңиз, эже, - Акмат озуна учурашты.

- Келдим. Акмат, сен Темирландын ким менен кандай аял менен жүргөнүн билесиң да, айтчы, ал кандай неме?

- Эже… эже мен эчтеке билбейм.

- Жо-ок, сен билесиң, жашырып жатасың го?

- Өлүп кетейин, эже.

- Мейли, айтпасаң айтпа. Эмесе мындай, мындан ары баарын өзүм тейлейм, сен мага жардамчы болосуң, Темирлан келсе эч нерсе албасын, - деди Гүлнур, - Кана расход кагаздардын баарын өзүмө бер, сейфтин ачкычын да алып кел, кассада канча акча бар, бүт алып кел, - деди өктөм.

- Жарайт Гүлнур эже, жакшы болду өзүңүз келип, бир официантка алсакпы деп жаттым эле, кээде жетишпей калып жатам, - Акмат чын дилинен айтты муну, андан кийин бүт кагаздарын өткөрүп берип, - Бул үч күндүгү, буга чейинкисин Темирлан аке алып кеткен, - деди.

- Жарайт, буга чейин алса эми басып келбей турган кылам, эгерде мен жокто келсе баардыгы менде экендигин айткын.

- Макул, мен продукты алып келишим керек, бара берейин.

- Заказдарың барбы?

- Ооба, алар жасалып жатат, кечки заказды эми алып келип даярдайбыз.

- Сабина тамакты жакшы жасайт бекен?

- Эң сонун, рецептери абдан жагып, суроо талаптар көп болууда.

- Анда жакшы, маянаны кандай берип жатасың?

- Күнүнө эки жүз.

- Демек жакшы болсо кошобуз, өзүң кандай аласың?

- Мен деле эки жүз.

- Анда сүйлөшөбүз, кардар кандай болоорун адегенде байкап алайын, анан экөөңө тең акыңарды көбөйтөм.

- Өзүңүз билиңиз, мен барайын, - Акмат базарга жөнөп сыртка чыгаары менен Темирланга чалды, анткени ал сөзсүз кабарла деген эле, - Ало, Темиш аке, Гүлнур эже келип баарын өткөрүп алды, аа макул-макул. Ооба, мен үн дегеним жок, сиз кайдасыз? Макул анда, - деп телефонун өчүрдү да ылдамдай басып базарга жөнөдү.

Гүлнур өзүн-өзү сооротту, кыздарын эш кылып, белин бек бууп ишин жүргүзүүгө эт-бети менен киришти…

Алима кызынын күндөн-күнгө жүзүнө сепкил түшүп, тамакка табити тартпай калганынан улам Калиманын үйүнө телефон чалып келип кетүүсүн өтүндү эле ал жарым саат өтпөй келип калды.

- Кандай кудагый, жакшы жатасыздарбы?

- Ооба, кудайга шүгүр, менин сизге кеңеше турган сөзүм бар, - Алима саамга ойлоно калып анан, - Эми балдарды болсо кудалап койдук, Асел силердин балаңар, Урмат биздин балабыз болуп калды, жашырып отурганда эмне, Аселдин боюнда бар экен, ошондуктан тез арада үйлөнтпөсөк болчудай эмес, атасы билип калса жаман болот, - деди Калиманы эмне дээр экен дегендей карап.

- Эмне дейсиз кудагый, алар…

- Ооба, өздөрү дагы ошону үчүн үйлөнөлү дешкен го.

- Кудай уу-ур, атасы эмне дейт, андай болсо аталарына билгизбей эле коелу да үйлөнгөндөн кийин айталы.

- Дал ошондой деп ойлогон элем, эстүү жансыз…

- Анда мен барып эртеңден баштап кам көрө берели, - деп Калима бир аз түпөйүлдөнө түштү, - Эмки жума күнү тойду өткөрө берсек болоор.

- Мен макулмун, - Алима кудагыйы экөө кол алышты, - Бала жөнүндө экөөбүз, эки бала билгендей болсун.

- Болду, сүйлөштүк, кудагый, - Калима ордунан туруп сыртка жөнөдү, - Мен барып камылга кыла берейин.

- Жакшы барыңыз.

Алима эс ала түштү, жалгыз кызынын түшүнүктүү адамдарга туш болоорун ойлоп көңүлү жайлана түштү. Бир кезде уятынан жер жарылса кирип кетүүгө даяр болсо жердин катуулугунан, жандын таттуулугунан гана тирүү басып калаарын азыр ойлогон дагы жок, эгерде ушул азыр Аселдин өз деген адамынан боюна болгонун билсе не демек эле, ал белгисиз, кызынын боюндагысы Урматтан экен деген ойдо болчу. Ал кубанычтуу отурганда Арстан келип калды:

- Алий, эмне кылып отурасың?

- Жөн эле, - Күйөөсүн жылдыздуу карап жылмайды.

- Кыз кайда?

- Окуусуна кетти окшойт.

- Аа-а, - Арстан отуруп жатып аялына кайрылды, - Ошентип байбиче кечээ эле беш көкүл секелек деп жүргөн кызыбыз дагы колубуздан учуп башка үйдүн бүлөөсү болгону турат, негедир ичим ачышат.

- Эртедир-кечтир мезгили келгенде кыз бала ордун табууга тийиш, мен өзүмдү ойлосом Аселим бактылуу балалыкты өткөрүптүр, бактысына сендей жакшы атасы бар эмеспи, ичиңди ачыштырба байым.

- Акылманым, сени мага кудайым өзү кезиктирген, - Оор күрсүнө ойлуу зыңгырай отуруп калды, - Эми Нурдинди үйлөн дебесек болбойт, жигиттик доорду армансыз эле сүрдү, жашы кыркка келди, аны менен теңдердин балдары он-он бешке чыгып калды, өзү да жалгыз бала…

- Кабатыр болбо, анын да ойлогону бардыр, - Алима кайдыгер жооп кылды, өзү аны уккусу, көргүсү да жок, көрүшкөн жерде Арстан жокто сөзсүз тирелишип калышат, ар убак өзү кекетип турат. Андайда Алима жөн калмакпы, катыра жоопту берип коет.

- Менин милдетим тукум улантуу да байбиче, өзүм дагы атадан жалгыз болдум, Нурдин да жалгыз, кыз бирөөнүн бүлөөсү дейт эмеспи, Асел турмуштан өз ордун таап калса, андан кийин сөзсүз аны үйлөнтөлү, ээ?

- Ооба, үйлөнүшү керек, - деди Алима.

Нурдин сиңдисин алып жүрүп боюна болгон кезде таштап койгон, ошондуктан абдан жек көрөт, адегенде өзү менен сүйлөшүп жүрүп айтпай-дебей Америкага кетип калганда жини келген болчу. Нурдин ага өчөшүп сиңдисин көз көрүнөө азгырып таштап койгон, Арстан алардын бирин дагы билбейт. Салима эжесинин урушуп тоскоол болгонунан улам аны жаман көрүп эже-сиңди катышпай калышкан. Салиманын төрөгөн баласы чоңоюп ушул кезде шаардагы окуу жайлардын биринде окуп, андан кийин иштеп жүргөнүн Алима да, Нурдин да билбейт. Бекзат кичипейил жакшы жигит, аны Салима да күчүн жумшап чоңойтуп окутуп да жаткан эле. Алима сиңдисин көргүсү келгени менен кайда экенин биле албай жүргөн болчу. Ойлуу ушуларды эстеп мелтирей отуруп калды. Кечке маал Асел кирип келип калды, чогуу отурушкан, бул күнү Арстан өзү Нурдинди чакырып алган эле.

- Оо кел, кызым? - деп Арстан кызын көрүп кубанып кетти, - Кызым, окууларың кандай?

- Жакшы, ата? - Асел өөп беркилерге баш ийкеп койду, Нурдин аны адаттагысындай эле теше тиктеп койду. Алдыларына тамак келээри менен жытына жүрөгү айланып кеткен Асел оозун баса туруп кетти. Нурдин бир нерсени шекигендей Алиманы карады, ал Аселди караган болуп калды.

- Кызым, тамак ичпейсиңби? - деп Арстан озуна кайрылды.

- Ата, ашказаным ооруп жатат, жүрөккө эч нерсе барбайт.

- Врачтарга көрүнүшүң керек анда, сүзөктөп кетпесин, денсоолугуңа кам көрбөсөң болбойт, дароо өздүк врачты чакырчы, Алима.

- Жок-жок ата, өзү басылып калат, ашканадан бир тамак ичкемин, эскирип калса керек, - Асел коркконунан шашкалактап калды.

- Эмнеге көпчүлүк ичкен ашканадан ичесиң, андан көрө ресторандан эле тамактанбайт белең?

- Ата, эчтеке эмес, өтүп кетет, мен барып эс алайынчы, - деп Асел үйгө кирип баратканда телефону чырылдап калды - Ало Темка, эмне болду, мен кусуп кыйналып жатам, атам менен агам бар, үйгө келгенде чалба дебедим беле? - деп өчүрүп салып спальныйга келип жатып калды: "Эми эмне болот, Урмат да акыры угат, эмне дейт, кокус Темирланды билип калса эмне болот, ата-энесичи, анда канттим", - деп ойлонуп жатып уктап калды.

Темирлан бир күнү эки кызын үйүнүн жанынан кармап калды, экөө тең ага жабышып калганда.

- Мен силерди тоодогу туугандарга алып барып жайлоого чыгарып келейин, барасыңарбы, кыздарым? - деди экөөнү эки жагына алып.

- Ооба-а, мен барам, - деди Тамара.

- Апамчы? - Самара эсейгендик кыла сурады.

- Апаң аякка барбай койгон, силерди туугандар көрөбүз деп жатпайбы, жүрү алып кетейин. Адегенде тамактанабыз, андан кийин жөнөйбүз, макулбу?

- Макул, а апам эмне үчүн аякка барбайт?

- Менин туугандарым апаңа жакпайт.

- Эмнеге, жаман кишилерби?

- Жо-ок, абдан жакшы адамдар, апаң кыштакка тургусу келген эмес, - деп Темирлан эптеп кыздарды көндүрүп өзү убактылуу турган мейманканага алып кетүүгө ашыгып жатты, - Кана, машинага түшкүлө, - Экөөнү жылмая карады, дал ошол убакытта Гүлнур кафеден келе жатып кыздары менен турган күйөөсүн көрдү да энтиге жүгүрүп келди:

- Тамара, Самара! - үндү угаары менен эми машинага отурганы жаткан кыздар дароо апасын көрө калып туруп калышты, Гүлнур жетип келип Темирланга ачуулуу карады, - Эмнеге буларга келдиң, мен сага айтпадым беле?

- Эмнеге кыздарыма келбейм, жалгыз сеники эмес менин дагы кыздарым экени эсиңден чыктыбы?

- Ооба, таштап кеткен киши кайрылбайт.

- Мен кыздарымды таштаганым жок, мен кыздарды сагындым.

- Апа, ата, урушпагылачы! - деп Самара экөөнүн ортосуна түшө калды, - Атамды биз деле сагындык, - Самара Темирланга карады, - Ата, жүрчү үйгө, биз менен барыңызчы, - деп колунан тарткылаганда Гүлнур кызын булка тартты да ары карай жетелеп кетти.

Темирлан селдейе карап туруп калды, эки кызы кылчактап карап кетип жатты.

- Иттики, кайдан келип калды? - деп жерге түкүрүп алды Темирлан, ошол кезде телефону чырылдап Аселдин номерин көрүп ала койду, - Ало, Асел, жаным, эмне болду? - дегенде анын үнү угулду.

- Темиш, менин боюмда барын Урматтын апасы да билип калыптыр, эми эмне кылам, Урмат сураса кантем, ушуга жеткирбей алда качан кетсек болот эле го, үч күндөн кийин той…

- Болбойт, ага жеткирбейбиз, кам санаба.

- Мени алып кетчи Темиш, корком, уяттан өлүп тынам го кокус билинип калса, - Ушул учурда Аселдин бөлмөсүнүн эшигине келип калган Алима тыңшап калды, - Темка, мен сени сүйөм, сенсиз жашагым дагы келбейт.

- Мен дагы, жаным, күндөп-түндөп сени алып кетүүнүн аргасын ойлоп жатам. Чыда, эртең кетебиз.

- Чынбы Темиш, тезирээк эле кетеличи, - деп жатканда Алима кирип келди, - Апа, - Асел чоочуп кетти, - Урмат, кийинирээк чалчы, ээ? - деп өчүрө салды.

- Уятсыз, элдин бетин кантип карайбыз, ыя? - Алима жүзү кубара ачуудан туттуга Аселди карады, - Сени кайсы кара баскан күнү төрөдүм экен ээ…

- Апа, эмне деп жатасыз? - Асел коркуп кетти, - Эмнеге…

- Үнүңдү чыгарба, мен баарын уктум. Гүлнур билсе эмне деген күндө калабыз ыя, өлтүрдүң го? - деп кызын чаап же уруп ийе албай аргасы кете сүйлөдү, - Уят-уят, кызым.

- Апа, мен Темирланды сүйөм.

- Сүйбөй сүмүрөн кал, сендей да акылсыз болобу, атаң укса эмне дейт эми, Урмат сенин боюңда барын билеби?

- Жо-ок…

- Акылсыз десе, мурунураак билгенде Калимага айтмак эмесмин, өзүңө кошуп мени да жүзү кара кылдың го?

- Апа, биз Темирлан экөөбүз качып кетебиз.

- Эмне дейсиң, ошол замат атаңдын каны башына тебет го, өлүп калышы мүмкүн, акылсызым. Оозуңду жап да Урматка тийесиң, үйдөн чыкчу болбогун! - деп эшикти сыртынан жаап кетип калды.

- Апа, ач эшикти, менин жолумду тоспочу, баары бир мен Урмат менен жашай албайм, апа дейм, - деп эшикке жөлөнүп алып тарсылдатып ыйлап жатты. Ошол убакта курбусу Света чалып калды, - Ало, Света үйгө тез келчи, - деп ыйлаган Аселдин үнүн угуп Света дароо өчүрдү, бир сааттай убакыт өткөндө ал келип калды, Алима аргасыз эшикти ачып берди да Светага кайрылды.

- Сен баарын билесиң Света, эмнеге мага айтып койбойсуң? Бул шерменде мени жарга такады го, эгерде атасы менен агасы билсе экөөбүздү үйдөн кууп чыгат, эчтекеге ээ болбойбуз, кудалардын, элдин бетин кантип карайбыз, жашоомду тозокко айланта турган болду го бул кыз.

- Алима эже, мен кантип айтам, өзү айтпаса.

- Уят болдук го эми, кандай кылам, бүгүндөн баштап эч жакка чыкпайт, ушул бөлмөдөн Урматка байлап берем, - деди да чыгып кетти.

- Эми эмне кыласың, баары бир Урматка чыгууң керек, - деп Света Аселге карады, ал телефонун кармап Темирланга чалды:

- Ало Темка, апам сени менен сүйлөшкөнүмдү угуп койду, үйдөн чыгарбай бекитип Урматка тийесиң деп жатат, эртең той, эми кантем? - деп бышактап кирди, - Эми мени чыгарбайт, Темка!

- Аселя, анда мен өзүм барып ачык айтам да сени алып кетем, - деп Темирлан айтканда Асел секирип кетти:

- Андай болбойт, түндө менин тереземдин тушуна кел, аргамжы ала кел, мен качып чыгам, макулбу?

- Макул анда, сен ыйлабай күт, уктап калба.

- Кайдагы уйку, мени тезирээк алып кетпесең жашабайм бул дүйнөдө, - Асел Темирланга эркелей сүйлөп жатканда Света анын колунан жулуп алып өчүрүп салды.

- Сен жинди болдуңбу, Арстан абанын жүрөгү оорукчан экенин билесиң да, эгерде качып кетсең эмне болоорун ойлодуңбу?

- Анан эмне кылышым керек Света, Урмат кийин билип калса эмне болот, мен Темканы сүйөм, кантем, Света?

- Билбейм, сага мен эч нерсе дей албайм.

- Баары бир кетишим керек, мен чыдай албайм.

- Мен сага кеңеш бере албайм Асел, кандай болгондо да сен туура эмес иш кылып жатасың, - Света аргасы кете отура кетти, - Мени укпасаң эмнеге чакырдың, Асел?

- Сен мага жакшы акыл айтсаң боло.

- Эмне десем сага жагат деги?

- Өзүм деле билбейм, менин оюмча өз тагдырымды өзүм чечүүм керек деп ойлойм, менин жашым жетип калбадыбы, акым бар го, же жокпу? - Асел аркы-терки басып сүйлөй берди, оюнда канаттуу куш болуп учуп кеткиси бар, бирок аргасыз эле, кайдан Урматты илээштирип алганын өзү дагы билбей жатты. Света аны үнсүз карап отуруп кетмек болду.

- Барайын, адамдар толуп кетсе керек, барбасам иштен куулуп калам го?

- Макул курбум, чакырганда келгениңе рахмат, мен өз тагдырымды өзүм талкалап алдым, эми өзүм ордуна келтирүү үчүн күрөшүшүм керек, жакшы бар.

- Дагы сүйлөшөбүз го?

- Макул, эгерде түндөп кетип калсам сүйлөшөбүз, - деди Асел, Света коштошо чыгып баратып колун көтөрүп койду.

Аселдин жаны жай албай кыжаалат болуп бир ыйлап, бир сооронуп отурганда Урмат чалып калды.

- Угуп жатам, - деди Асел көңүлсүз.

- Жолугушуубуз керек.

- Эмнеге?

- Келсең сүйлөшөбүз.

- Каердесиң?

- Жумушта.

- Азыр барам, - деп телефонун сумкасына салды да кийинип алып эшикти акырын түртсө Света кеткенден кийин бекитилбептир, шырп алдырбай чыгып баратканда Алима алдынан чыкты:

- Кайда жөнөдүң?

- Урмат жолугуп сүйлөшүүбүз керек дейт.

- Кудай ур, бирдемени билип жүрбөгөндөй эле…

- Кам санабачы апа, ал андай эле аңдабайт, - деп Асел кеткенче шашты, ылдамдай басып короодон эки жагын карана чыгып баратканда Нурдин алдынан көрүндү:

- Кайда жөнөдү менин асылкеч карындашым? - деп сынай карады.

- Иш бар.

- Күйөөгө чыкмайынча өз билгениңди жасоого салт жооп бербесин билесиң го, демек кечке маал кайдагы жумуш? - деди Нурдин аны өткөрбөй, - Эгерде сен жөнүндө бир кыйшык сөз болсо менден жакшылык күтпө, энең экөөңөр тең жоголосуңар! - деди да басып кетти.

Асел үндөбөй Урматты шылтоолоп Темирланга жолукмак болуп кетип жаткан эле, аңгыча Урмат дагы чалды.

- Урмат, мен бара албайм го, ооруп жатам.

- Анда мен барайын.

- Жок-жок, келбей эле кой, эртең эле жолугалычы.

- Макул анда, - деп телефонду Урмат өчүргөндө Асел: "Өх!" деп алды да Темирланга чалды:

- Темка, сен кайдасың, мен качып чыктым, тезинен жолугушубуз керек, - деди шашыла.

Дарбазадан чыга берип, Нурдин анын артынан акмалап келе жатып анын Темирлан жөнүндө айтканын угуп дароо өзүнүн сакчысына чалып Аселдин артынан түшүшүн айтты да өзү машинасына отурду. Асел шашылыш жолго чыкты да такси тосуп жатты, кычагансып такси токтобой көпкө туруп калды, Нурдин көз албай Ормон менен сүйлөшүп жатты, бир кезде ал дагы келип калды, акырын аны телефондон гана Аселдин артына коюп койду. Бир кезде таксиге отурган Аселдин артынан Ормон жөнөдү, ал артынан жүрүп отуруп бийик кабаттуу мейманканага келип токтоору менен Темирлан тосуп алып экөө кучакташып калды, Ормон аларды телефонго тартып алды да алар мейманканага кирип үчүнчү кабатка чыгып бөлмөгө кирип кетишти, Ормон аны айтканда:

- Көз албай карап тур, мен жетип калам, - деди Нурдин.

- Жарайт, - деп телефонун өчүрүп жатканда Темирлан бөлмөдөн чыгып эки жагын каранып кайдадыр жөнөдү. Ормон аны да Нурдинге кабарлады. Канча убакыт өткөнү белгисиз, шашылган Нурдин келип калды.

- Кана, кайсыл бөлмөдө?

- Мына бул.

- Акмактар десе, мен буларды көргөзөм, - деп жиндене эшикти такылдатканда Асел ичтен жооп берди.

- Ким?

- Ачыңыз, эмне заказ бересиздер? - деп Ормон айтканда эшикти ачып ийген Асел көздөрүн алайта оозун басып калды:

- Жүзү кара, сенин жумушуң ушул беле? - деп Нурдин аны жаактан ары бир койду.

- Мени менен ишиң болбосун!

- Эмне, менин ишим жокпу? - Чачтан алды, касташкан душманын көргөндөй кыжына көзүн чакчайтып зекиди, - Сен Темирлан менен кайсы бетиң менен ушуга бардың, ошол эки кызы менен Гүлнурдун көз жашын ойлогон жоксуңбу?

- Ар ким өз бактысы үчүн күрөшүүгө акысы бар.

- Бактыңды үйбүлөлүү адамдан издедиңби, бетсиз?

- Ооба, - деп Асел дагы тилин тартпай агасына ызырынды. Аңгыча Ормон жип алып келип Аселдин эки колун артына байлап, бутун таңып, оозуна скоч чаптап отургучка отургузуп коюп эшикти саксактап турушту. Бирок Темирлан кечигип жатты, ал кыздарын колуна тийгизе албай туталанып жүрдү. Кечинде аргасыз кайра келген, эшикти тыкылдатты, артына жашынып туруп Ормон эшикти ачканда ал кирип келээри менен Ормон дароо желкесинен кармап калды, маңдайынан Нурдин көрүндү:

- Азаматтар, силерди тирүүлөй өрттөсө болоор…

- Нурдин, кечир бизди, биз бири-бирибизди сүйөбүз, - деп Темирлан алдастай түштү, - Дос элек, сүйүүнү кимдер билбейт.

- Бас жаагыңды, мага акыл айтпа, сүйүүбү ушул? - Маңдайына келип ичке бир муштады.

- Кечир Нурдин, сенин алдыңан мурун эле өтүшүм керек болчу.

- Сүйлөшпөйт да болчумун, ошондо башыңды жармакмын, дагы жакшы ушундайда жолуктуңар, - Нурдин чачтан алды да көздөрүн чакырайта карады, - Эми силер бул дүйнөдө жолугушпайсыңар!

- Нурдин, мейли кыйна, мейли саба, бирок бизге тоскоолдук кылба, биз бала күтүп жатабыз, - дегенде Нурдин эси ооп экөөнү алмак-салмак карап аркы-терки ортодо басып жүрдү, андан кийин үн дебей эле Ормонго башын ийкеп койду эле ал аны ваннага алып кирип кетти, өзү Аселдин колу бутун чечип колунан жетелеп бөлмөдөн алып чыкты. Тартынып баспай Асел тырышып жатканда:

- Азыр үйгө барасың, үнүңдү чыгарбай Урматка тийесиң, эгерде Темирлан жөнүндө ооз ачсаң өз колум менен өлтүрөм, - деп зекиди.

Аңгыча Ормон чыга келди, ага Аселдин оозундагы скочту алдырды да бөлмөнүн эшигин бекитип туруп:

- Сен бул жерде бол, мен азыр кайра келем, - деди Нурдин Ормонго.

- Жарайт, шеф.

- Көзүңдү алба, качып кетпесин.

- Кетпейт.

- Биз кеттик, Асел айым, - деп сыр билгизбей Аселге жылмая карады эле ал көзүндө огу болсо атып ийчүдөй карап:

- Менде эмне өчүң бар, мен дагы Арстандын кызымын, ушунчалык дагы мерез болосуңбу, аке? - деди жумшарып кетээр бекен деген ойдо.

- Арстандын кызы мындайга бармак эмес.

- Сүйүп калуу күнөө болсо каалаган жазаны буйру!

- Сүйүү, - Нурдин кыжырлуу жылмайды, - Унчукпай бас, - деп акырын кабыргага түртүп койду. Ылдый түшүп машинага келип арткы орундукка отургузду, - Эч нерсе болбогондой үйгө барганда жан адамга ооз ачпайсың, анан сени менен өзүм сүйлөшөм, - деди да рулга отуруп айдап жөнөдү. Жарым сааттай жол жүрүп үйдүн алдына келди да өзү түшүп, - Түш! - деди.

- Темирланга тийбе, ал менин баламдын атасы.

- Жап оозуңду, уккум да келбейт, - Акшыя карап колдон алды, - Бас үйгө кир!

- Кирбейм, өлтүрсөң өлтүрүп сал!

- Аны кийин аткарам, азырынча үйгө кирип тур.

- Нурдин аке, Темирланга тийбечи, суранам сенден, ал менин баламдын атасы, ансыз мен жашай албайм, бир атаданбыз го, аяп койсоң, - Айласы кете ыйламсырады эле Нурдин жиндене жетелеп жөнөдү, - Азыр ашыкча сүйлөсөң өкүнүп каласың, - деп дегдеңдете жетелеп келе жатканда алдынан Алима чыга калды эле колун кое берди:

- Кызыңды жакшы тарбиялапсың Алима айым, - деп дагы бирдеме демек болуп келе жатып атасынын өздөрүнө көздөй келе жатканын көрүп унчукпай артка бурулду:

- Нурдин, кайда барасың? - Арстан алыстан үн катты.

- Кайра келем, ата, - деди да машинасына отуруп жөнөп кетти, ал катуу айдап кыжыры кайнап келе жатып Ормонго чалды, - Ормон, сен азыр Темирланды дачага алып барып койчу, мен кечке маал барам, - деди да кайра артына кайрылды. Атасын абдан сыйлачу, анын үстүнө апасы өлгөн соң өзүн жападан жалгыз сезчү, дүйнөдө өлүм бар экенине да кейип жаш өлгөн апасына ичи ачышып кетээр эле. Кийинки кездери өзү абдан жалгызсырап үйлөнүү керек экенин сезе баштаган, ошондуктан көңүлүндө Маринаны жактырып, аны өзүмдүк кылып алууну ойлогону менен анын өзүнө көз карашы башкача экенин сезип: "Марина, эгерде мен сага колумду сунсам, сен каршылык кылсаң аябайм, мен өтө каардуу адаммын, терс жооп албашым керек, сен мага кеңешчим гана эмес түбөлүк жарым болосуң", - деп ойлонуп кайра үйүнө келди, бак ичинде Арстан менен Алима отурган эле, Асел жок экен.

- Кел балам, отур, - Арстан баласын жылуу көз караш менен каршы алды.

- Келдим ата, иш барбы?

- Бар эмей, карындашыңды эртең турмушка узатканы жатабыз, - Арстан кызы менен уулунун ортосундагы мамилени билгендиктен ынтымакка чакыра сүйлөдү, - Тойду кайдан өткөрсөк, үйдөнбү же ресторанданбы?

- Аа-а, эсимде-эсимде, биздин ханышайымдын айтканы менен болобуз го, ата, - Көз кыйыгы менен Алиманы карап койду.

- Уулум, менин көзүмдүн тирүүсүндө карындашың менен бир туугандай мамиледе болууңду каалайм, жаш эмессиң, кыркка келип калдың, эсиңе келээр убактың жетти, сендейлердин баары үйбүлөлүү, а сен бойдок жүрөсүң, үйлөнүп Аселге кам көрүүнү колуңа алышың керек, менин дагы канча жашаарымды ким билет? - деди Арстан оор күрсүнө кейигендей үн менен.

- Ата, жаман нерсени айтпаңыз, мен Аселди кантип эле карабай коймок элем, анын намысы менин намысым экенин билесиз да, - Арстанды жубата сүйлөп күлгөн болду Нурдин.

- Арстан, кайдагы жаман жорукту баштаба, мына Асел турмушка чыкканы турат, Нурдиндин дагы оюнда бардыр, буйруса бир күнү үйлөнөт, - Алима ушинтти да ордунан турду, - Мен Аселге барайынчы.

- Чакырып кел, кайдан өткөрүүнү каалайт экен, Асел өзү айтсынчы.

- Болуптур, алып келем.

- Балким, Темирландын кафесинде өткөрөөрбүз? - Нурдин атайын Алима билээр бекен же билбейби дегендей айтканда Алима тык токтой калды, - Асел Гүлнур эжесин жакшы көрөт эмеспи?

- Ошол жөпжөнөкөй кафегеби? - Арстан таңгала сурады.

- Биздин Асел үчүн жөнөкөй кафедей көрүнбөйт, - деди Алиманы көзү менен ата карап.

- Нурдин, карындашыңды мазактаганың болбойт, ырас Гүлнурду эжеси катары сыйлайт, бирок болбойт го?

- Арстан, Нурдиндин мунусу ашыкча болуп кетти, тойду үйдөн эле өткөрөбүз, - деди кайрылып туруп Алима, анан тез-тез басып кабат үйүнө кирип кетти. Асел Темирланга чала берип чарчаганда ыйлап жатып алган эле, Алима кирип келгенде тура калып апасын кучактап калды:

- Апа-апакебай, мен курудум, Нурдин баарын билет, эми канттим, апа?

- Ок оозуңа, кайдан жүрүп ага кабылдың кокуй? Бала күнүңдөн тилимди албай жүрүп балээнин баарын баштадың го кызым, эми ал бизге тынчтык бербейт, - Алима кызын кучактап башынан сылап телмирип турганда Нурдин баш бакты:

- Эне-бала, кылгылыкты кылып коюп кантип адам жүзүн тик багып карап турасыңар?

- Нурдин, кандай болгон күндө дагы мен сенин атаңдын аялымын, сен өз ордуңду билип мамиле жасасаң болмок.

- Аа-а "мамаша", кечиресиз, - Нурдин мазактай күлдү, - Кызың экөөңдүн күнөөңдү көрүп туруп көздү жумуп басып кетишим керек экен да.

- Тиешең жок ишке кийлигишпе!

- Эмнэ-э? - Нурдин экөөнүн маңдайына келип сөөмөйүн кеседи, - Темирландын үйбүлөсү ажырашып, балдары атасыз калса силерге кандай бакыт болоорун сезип турам, бириң байлык үчүн картаңына карабай артынан жүгүрүп жүргөн жигитти таштап кетсең, бириң үйбүлөлүү адамды бузуп, баламдын атасы деп бетиң бозорбой турасыңар, деги бетиңерде кызылыңар барбы?

- Нурдин, бул ишке катыштыгым жок, эгер билсем муну таптакыр башка жакка кетирмекмин, айла жок эртең той, иги-жигин билгизбей эрге беришибиз керек, - деди Алима терс карап турган бойдон.

- Апа, мен Урматка чыккым келбейт.

- Жап оозуңду, мурда ойлош керек болчу, - Нурдин ага ызырынды, - Сен эми эч жакка кетпейсиң, Темирланды ойлобо! - деди да чыгып кетти.

- Апа, сен мени ойлосоң боло, мен Темирлансыз жашабайм, сиз мага жардам бериңизчи, - деп Асел көз жашын көлдөтүп ыйлап жатканда Алима анын колун силкип жиберди:

- Мен сага жардам бере албайм, Урматка тийесиң дедим тийесиң, атаңа бул сөз жетпесин, көз жашыңды тыйып эртеңки тойго даярдан, менин жашоомду дагы тозокко айланта турган болдуң, Темирланды унут, - деди да бөлмөдөн чыгып кетти, Асел чөк түшкөн бойдон ыйлай берди, ошол убакта эшиктен Урмат келе жатканда Алима көрүп аны токтотуп калды:

- Урмат келе гой балам.

- Апа, Асел үйдөбү?

- Ооба, бир аз сыркоолоп калыптыр, - Алима аны түз карай албай, тайсалдап жооп берди, - Азыр мен кирип сенин келгениңди айтайынчы, - Алима кыйпычылыктай үстүңкү кабатка көтөрүлдү, шашып Аселдин бөлмөсүнө кирди да, - Бети башыңды жууп өзүңө кел, эшикте Урмат турат, жакшылап сүйлөш, - деп буйруду да кандай кирсе ошондой чыгып кетти, Асел бир ооз сөз сүйлөгөнгө да үлгүрбөй жер муштап көпкө отурду да жуунбай эле көз жашын аарчып спальныйга жатып алып уктамыш болуп калды. Эшикти акырын ачып кирген Урмат Аселдин жанына келди.

- Асел, уктап жатасыңбы?

- Мм, ооба, эмне болду?

- Сүйлөшүшүбүз керек.

- Эмнени? - Көзүн ачпай эле сүйлөй берди Асел.

- Мага тийүүңө эмне түрткү болду, айтчы?

- Ал эмне дегениң, мен сени сүйөм, сен деле кайдыгер эмессиң, - Асел тура калып Урматты карады, - Же сенин көңүлүң жокпу?

- Асел, турмуш куруу оюнчук эмес, бир жактуу сүйүү эч кимге бакыт алып келбесин билесиңби? Сен ойлонуп иш кылбай баарын оолуктуруп салдың го, азыр дагы кеч эмес, өзүң баш тарт, сенин ата-энеңе айтып ийгениңдин кесепетинен биздин үйдө дагы тынчтык жоголду, той-той деп башты оорутушат, - деп Урмат башын жерге сала күңкүлдөдү, - Угуп алышып жанды да коюшпайт, кайдан да ойдо жокту айта салдың?

- Урмат, сен каршысыңбы?

- Мен ойлойм, биз бири-бирибизди сүйбөйбүз деп, а сен бул жерде оюн коюп жатпайсыңбы?

- Жок-жок Урмат, мен сени сүйөм, эмнеге тарткынчыктап жатасың?

- Көздөрүңдү тике кылчы мага.

- Эмнеге? - Асел аны таңгала карады.

- Сенин көздөрүңдө бир сыр бар, сүйүүң мага эмес, башка бирөөгө, баарын билсем го… - Урмат ордунан туруп аркы жагына өтүп, чөнтөгүнө колун салып Аселди ойлуу карап турду, - Кыз эмес эркек айтыш керек биринчи өз сүйүүсүн, эң кызыгы ойдо жокту баштаган сен болдуң, же жаңы модабы бул дагы?

- Урмат, үйлөнгүң келбесе үйлөнбө! - деп Асел ары карап кетти.

- Ооба, тойду дагы бир жумага токтошушубуз керек, бүгүн атамдарга айтышым керек, - деп чечкиндүү түрдө босогону көздөй жөнөдү.

- Урмат, мени ата-энеме уят кылба!

- Эртерээк ойлонсоң болмок.

- Урма-ат!

- Көрүшкөнчө, - Урмат кайрылбай чыгып кетти.

Асел эмне кылаарын билбей кайра-кайра Темирландын телефонуна чалып ала албады, өчүрүлгөн деп кайталагандан улам жинденип телефонду ыргытып отуруп калды: "Эми эмне кылам, Темиштен дайын жок, аны Нурдин өлтүрүп койгон жокпу, болбосо телефонун өчүрмөк эмес, анын аман-эсенин кантип билем, Урмат дагы таштап кетсе, үйлөнүүдөн баш тартса канттим, же биротоло дайынсыз качып кетсем бекен, кайда барам кудай ай", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Нурдин күүгүм талаш дачага жетип келди да буту колу буулуп, оозуна скоч жабыштырылган Темирландын жанына келди:

- Акыбал кандай? - деди мазактай жылмайып, оозундагы скочту алып, - Сүйүүнүн азабы да жыргалы да болоорун эсиңден чыгарбасаң керек?

- Нурдин, теңтуш элек…

- Жап оозуңду, сендей теңтушту урдум! - Жаакка бир чапты.

- Аеоо болбойбу, сенин таш жүрөктүгүңдү билгем.

- Билсең бул ишке барбайт элең, Ормон телефонун алып келчи, - деди Ормонго кайрылып.

- Мына, - Ормон дароо кармата салды, Нурдин телефондон Аселдин номерин тапты да чалып туруп Темирланга карматты:

- Мен сени сүйгөн эмесмин деп айтасың.

- Жок, мен антип айта албайм.

- Айтасың, антпесең дал ушул жерден сөөгүңдү сөпөт кылам.

- Нурдин, анчалыкка барба, мен Аселди сүйөм, биз балалуу болобуз, бизди аячы Нурдин, - Темирландын оозу мурду канжалап, көздөрү көк ала болуп колдору шишип кеткенине карабай Нурдинден үмүт кылып карады, - Биз бири-бирибизди сүйөбүз.

- Сүйүүңдү сенин Гүлнурдун көз жашычы ошону ойлодуңбу? - деп Нурдин дагы бир тепти, - Эгерде ушуга чейин билгенимде эч кимге билгизбей экөөңдү тирүүлөй көммөкмүн, бол эрте жооп бер, сүйбөйм, башка аялды сүйгөмүн деп айткын! - Телефонду Темирландын кулагына такады, - Жооп бер!

- Асел, - Темирлан араңдан зорго үн чыгарганда Асел чырылдап жатты, - Асел, мен… мен сени сүйбөйм, мен башка аял менен жүргөмүн, сени эч качан сүйгөн эмесмин, - деди да тиштене башы шылк дей түштү.

- Темка, сен андай дебе, мени сүйөөрүңдү билем, айтчы азыр кайдасың?

- Мен шаардан чыгып кеткемин, менден үмүтүңдү үз!

- Жок-жок Темиш, мен буга чыдай албайм, - Асел ыйлап жатты, Нурдин телефонду өчүрүп өз чөнтөгүнө салып койду.

- Сен туура эмес кылдың Нурдин, сен таш жүрөксүң, адамга айбанча мамиле жасайсың, - деп Темирлан сүйлөнүп жатканда Нурдин аны ичке муштап жиберди, - Баары бир мен Аселди эч кимге бербейм!

- Оозун бекитип салчы, - деди Нурдин Ормонго кайрылып. Түн бир оокумда анын көзүн таңып, оозун бекитип, буту колун бууп туруп машинага салды да үйүнө алып келип эки кабат үйдүн чатырына чыгарып таштап салды, таң дагы атып той камылгасы жүрүп жатты, үстөлдөр коюлуп, дасторкондор жайылып бирин-экин коноктор келе баштаган, Аселдин чачын жасачу кызды үйүнө чакырып келип жанында Света кошо жүрдү, анын кабагы салыңкы, экөө ээн калганда Асел Светага:

- Жүрөгүм кыжаалат болуп жатат, Нурдин Темирланды өлтүрүп койбоду бекен, аны зордоп сүйбөймүн дедирди го, Света айтчы, мен Урмат менен жашай аламбы? - деди ыйламсырай.

- Асел, өзүңдү кармап сыр алдырба, бүгүн сенин тагдырыңда эң чоң өзгөрүү болот, сага ата-энең жамандык каалабайт, андан көрө кабагыңды ач.

- Жок Света, мен Темирлансыз жашай албайм, - деп болбой эле ыйламсырай берди. Света ары айтып, бери айтып эчтеке чыгаралган жок, көптөн кийин эшик кагылды эле Света ачса Урмат экен.

- Аа-а, Урмат сенсиңби? - Света артка чегине берди.

- Урма-ат, - Асел көз жашын аарчый аны карап селдейе калды.

- Сен эмне, ыйлагансыңбы?

- Жок-жок…

- Урмат, кызга оңой дейсиңби, туулуп өскөн үйүн таштап, алпештеген ата-энесинен бөлүнүп бөтөн үйгө, бөтөн адамдарга баратса ыйлабай эмне кылат, - Света курбусун кыйын учурдан сууруп шакылдай күлүп жооп берди, - Эми күйөө балага тапшырабыз да кызыбызды.

- Аа-а, туура айтасың, Света, - Урмат күлүп калды, - Бизди сыртта эл күтүп жатышат, кеттикпи Асел? - Аселге кайрылды, - Даярсыңбы?

- Даярмын, - Асел туруп жөнөгөндө Света бир жагынан колтуктады, Урмат бир жагынан алып ылдый көздөй жөнөштү, Аселдин көз жашы өзүнөн-өзү куюлуп, өзүн эрксиз бир бечарадай сезип баратты, көз алдында Темирлан менен үйлөнүп жаткандай анын колтугунда ак куудай каалгып учуп бараткандай Урматты бекем кармап алып өздөрүн кол чаап карап тургандарга жадырай карап келе жатты.

Ошол убакта үстүңкү чатырдан Ормон оозу скочтолуп буту-колу байланган Темирланды үстөлгө отургузуп атайын бак ичиндеги үлпөт тойду каратты:

- Кана, ашыгыңды көрө алдыңбы? - деди ал. Элдин арасында Гүлнур эки кызы менен жүргөн эле, Темирлан аргасыз карап отуруп көзүн жумуп ийди, Асел Урматка кынала куттуктоолорду кабыл алып эч санаасы жоктой бажыраят. Көргүсү келбеди, Нурдин атасынын катарында туруп кытмыр жылмая чатырды көз кыйыгы менен карап башын ийкеп койду эле Ормон Темирланды ары алып кетти, аны эч кимиси байкаган жок, никелешүүгө келгенде гана молдо андан:

- Арстан кызы Асел, Ырысбек уулу Урматты өмүрлүк жар катары кабыл алып, түбөлүккө кол кармашып ысык-суугуна чыдоого макулсузбу? - дегенде Темирланды элестетип бактылуу болуп турган Асел селт эте Урматты башкача көз караш менен карап алды да көздөрүн бакырайтып оозун ача туруп калды.

- Асел, макул дебейсиңби?

- Асел...

- Бол эрте макул де, - дешип бакылдашып жиберди эле эки жагын элеңдей карап үнсүз туруп анан:

- Макулмун! - деди Урматты суздана көз айрыбай карап.

Андан кийин Урматка кезек келди, ал дагы ойлонуп туруп анан "ооба", - деди, никелешүү базийпасы бүткөндөн кийин үстөлдөрдөн орун алышты.

- Балдарыбыз бактылуу болушсун.

- Ылайым өмүрлөрү узун болуп ынтымактуу жашашсын.

- Анан эмне, балдардын бактылуу болушу бактыбыз эмеспи, - дешип күпүлдөшүп бака-шака түшүп жатышты, бир гана Аселдин жан дүйнөсүндө боорон чапкын болуп, жалгыз токойдо адашкан коендой элеңдеп ата-энесин, алардын катарында капарсыз Марина менен отурган Нурдинди, алардын маңдайында кубанычтуу бакылдашкан кайната-кайненесин, жанында өзүнөн дагы өтүп кабагын салып отурган Урматты сыдыра тиктеп келе жатып бир нерседен көңүлү айнып окшуп оозун баса туруп кетти, баары тымтырс болуп калды. Урмат анын артынан жөнөдү, Асел кусуп жатканда:

- Эмне болду? - деди Урмат ага.

- Шамалдап калган го, кечээтен бери ооруп жатат, - деп Алима жооп берди.

- Аа-а, - деп койду Урмат.

Булардын баарын көз жаздымдан өткөрүп отурган Нурдин ичинен кыжырланып алды: "Акмактар, Урматтын жумшактыгынан пайдалангысы бар энеси экөө, жок дегенде бир жатты бекен ушул маң баш? Кокус кийин билинсе мындай неме артын карабай кетет, абийирибизди ошондо төгөт, Темирланды тирүү койбойм", - деп ойлонуп жанындагылардан кечирим сурап тигиндейрээк барды да Ормонго чалды.

- Ормон, алдагы иттин көзүн тазалап сал. Байка, кийин сен экөөбүз эчтеке билбегендей бололу.

- Жарайт, азыр алып кетем, - деди Ормон Нурдинге жооп кылып.

- Тезирээк алып кет!

- Жарайт, таксыр, - деп телефонун карап туруп калды.

Тойго келгендер ойноп күлүп бака-шака түшүп жатып Аселди алып жөнөштү, адегенде Асел, андан кийин Урмат отургандарга ийиле ордуларынан туруп Арстан менен Алимага коштошушту, андан кийин Нурдин карындашы менен күйөө балага коштошуп ээрчишкен эки унаага отуруп жөнөп кетишти. Ушулардын баары түшүндө болуп жаткандай Марина ойлуу жаагын таянып карап отурган.

- Марина, мен сени узатып коеюн, - деген Нурдиндин үнүнөн ойгонгондой Марина селт этти.

- Аа-а, мен өзүм эле кетем, Нурдин, - Марина өзүн жаман сезе зорго турду ордунан: "Демек Урмат үйлөндү, ооба алар бактылуу түгөйлөр болду, Урмат Аселди сүйбөсө үйлөнмөк беле, эгерде мени сүйсө ага үйлөнмөк эмес", - деп Нурдиндин машинасына түштү да жөнөп кетишти, жеткенче эч кимиси үндөбөдү:

- Макул Марина, жакшылап эс ал, эртең кайрадан жумуш, - деп Нурдин Марина түшкөндө жылмая карады.

- Рахмат, өзүң да жакшы эс ал, - деп Марина кала берди. Кайра-кайра Урмат экөөнүн бала кездеги ойногондору: "Биз ар дайым бирге болобуз ээ", - деген Урматтын сөздөрү эсинен кетпей үйүнө кирбей сыртта көпкө басып жүрдү. Качан гана телефону чыр этип курбусу Айзат чалганда кирди үйүнө. Ал өзүнөн-өзү чарчагандай түрдө келди, аны көргөн Ашыраалы:

- Кызым, той бүттүбү? - деди.

- Ооба ата, той бүттү, - деп Марина көңүлсүз жооп кылды.

- Бактылуу болушсун бечаралар, - деп койду өзүнчө Ашыраалы.

- Марина эже, Урмат байке үйлөндүбү? - деп Бекзат сурады: "Сен эле калдың эле", - деп эчтеке уккусу келбей турган Марина аргасыз жылмая:

- Ооба күчүгүм, Урмат байкең үйлөндү, - деп мурдунан чымчый эркелетип койду.

- Эми мени ойноткону келбейби?

- Аа-а, - Марина сөз таппай бир азга такала калды да, - Бекзат, ал эмне дегениң, ал сөзсүз сага келип турат, - деди акырын, - Андан көрө жатып эс ал, эртең сабагыңа барасың.

- Макул, - Бекзат өз бөлмөсүнө кирип кетти. Марина Айзат келем дегенинен атасына тамагын берип жаткырды да, аны күтүп калды. Айзат абдан кеч келди, эки курбу өбүшө учурашышты да ашканага кирип сүйлөшүп жатышты.

- Марина, менин сага айта турган жаңылыгым бар, - деди күлмүңдөй карап.

- Кандай жаңылык?

- Мен бир жигит таптым.

- Болсун, куттуктайм курбум, кандай жигит экен?

- Военный экен, абдан скромный жигит.

- Анан эмне, үйлөнүүнү сунуштадыбы?

- Албетте, эң кызыгы ошол болуп жатат, менин апам жок экенин өзүң билесиң, атама болсо каттабайм, колуңду сурап барайын дейт, эмне дээримди билбей жатам, - деди муңая түшүп.

- Эч кам санабачы досум, мен турам го, сен менин бир тууганымдай эле болуп калдың, ушул эле үйдөн узатып коебуз, - деп Марина курбусун бооруна кысып саамга туруп калды: "Сүйүү болсо жакшы, сүйбөй турмуш куруудан өткөн азап жоктур. Мен бир гана Урматты ойлонуп башкага көңүл бурбаптырмын, эмне болду, ал кенебей туруп башкага үйлөндү да кетти", - деп ойлонуп, - Сен өзүң аны сүйөсүңбү деги? - деди аста гана.

- Сүйөм, ал дагы мени сүйөм дейт, таанышканыбызга аз болду, бирок бири-бирибизсиз жашай алчудай эмеспиз, - деп Айзат айтып бүтүрө албай жатты.

- Ошондой эле болсун, жүрөктөр бири-бирин каалабаса өмүрдүн кызыгы эмне, курбум? - деди Марина ойлуу.

- Баса, Урмат үйлөндүбү?

- Ооба, бизге коңшу болду, атасы жаңы үй сатып берди, бүгүндөн баштап биз бири-бирибизди көрүп турабыз.

- Силердин жумушуңар дагы бирге эмеспи.

- Ошол азап мени эзип жатпайбы курбум, өзүң сүйгөн адам башка бирөө менен колтукташып, бир үйдө жашап жатса, андан өткөн арман барбы? - Курбусун кучактаган бойдон ыйлап жиберди, - Кыз киши алсыз болот тура, сүйүүм күчтүү болсо да намысым жеңди.

- Марина, антпечи алтыным, сен андан дагы жакшы адамга жолугасың буйруса, көрөсүң го бактылуу болосуң, - Айзат чоп-чоп эттире өөп курбусун жооткотуп жатты.

- Билбейм курбум…

Урмат менен Аселди тууган-туушкандары жаңы үйүнө алып келип түнү бою отуруп той-тойлоп анан кетишти, Калима келинин бөпөлөп эле алды үстүнө түшүп болбой калды, алар кеткенден кийин Урмат Аселге карады:

- Сен чарчадың го, мен тигил бөлмөгө эс алам, сен бул жерге жата бер, - деди да сырткы бөлмөгө чыгып кетти.

- Макул, - Асел үнсүз улутуна спальныйга кийимчен жатып калды, оюнда Темирлан: "Кайда кетип калдың, эмнеге мени укпадың, кыздарым деп шылтоолоп жатып мени азапка салдың, күйөөгө тийдим эмне таптым, экөөбүз эки бөлмөдө, ортобузда сүйүү болбосо кандай жашоо болмок эле, сен болгонуңда бир төшөк экөөбүзгө тар сезилип, тебилишип ойноп эзилишип кумардан чыкпайт белек, кантип сени унутам Темка, сен мени, мен сени сүйчү эмес белек, сени зордоп гана айттырды го, сени жер менен жексен кылган жокпу, сенсиз кантип өмүр өткөрөм, балаң чоочун эле бирөөнү аталап өскөнүн көрүп кантип чыдайм", - деп ойлонуп жатып кеч уктады. Көзүн ачса таң атып калыптыр, Урмат эбак эле туруп ашканада жүргөн, кылдырагандан улам баш бакса газга тамак ысытып жатыптыр, Аселди көрүп:

- Турдуңбу? - деп коюп өз иши менен алек болуп жатты.

- Сен качан турдуң эле?

- Турганым качан, уйкучу эмесмин, жумушка барышым керек.

- Аа-а, - деп коюп Асел ажатканага кирип: "Сени менен үйлөнүп, аппак көйнөкчөн болуп жаныңда болсом деген тилегим текке кетти, сөз көтөрө албаган эркелегим, чалпоолугум өзүмө жоо болду, Темка, деги аман болду бекенсиң, мен сени унуталбайм го, аялың менен кыздарыңдын жанында жай гана отурган болбо? Жо-ок, сен мени мындай акыбалга таштамак эмессиң, эптеп көзүмө көрүнсөң эле жетелешип кетип калат элем", - деп ойлоно берип араңдан зорго ашканага кирсе Урмат кетип калыптыр: "Темка болгондо мени өөп, кеткенин айтып анан кетмек, бул эмне деген жашоо болоор экен, өмүрүмдү ушул сырын сыртка чыгарбаган дулдук менен кандай өткөрөм", - деп үстөл үстүндөгү куурулган жумуртка менен чай ичип алып анан ордуна келип жатып алып түгөнбөгөн санаанын түбүнө чөгүп отурганда Алима келип калды:

- Кандай кызым, акыбалың дуруспу?

- Жакшы апа, баары ойдогудай, - Асел сабыры суз апасы менен өбүшө учурашты.

- Атаң билип кел деп жиберди, ал сени али да секелек деп ойлойт, - Эне кызын сүйкүмдүү жылмая караганы менен жүрөк өйүгөн бир санаасы бардай муңайым көз карашта эле: "Бечара кызым ай, өзүңдү-өзүң кылдың, айлам канча, сенин жадырап-жайнаган жүзүңдү көрсөм болот эле, бактылуу болгон түрүң жок го", - деп ичтен сызып отурду.

- Апа, атам сары санаа болбосун, мен эми өзүмдүн тагдырымды өзүм чечүүгө акылуумун го, мен бактылуумун, апа.

- Жүзүңдөн бактынын белгиси көрүнбөйт го, кызым.

- Апа, - Асел зорго турганбы ыйлап апасын кучактап алып солкулдап ийди, - Апа, Нурдин Темирланды өлтүрүп койгон жокпу?

- Аны унут, эми ал жөнүндө ойлоочу да болбо, өлтүрсө өз жазасын өзү алат, эми сенин ак никелүү күйөөң бар, ичиңдеги баланы ойлон, аман-эсен төрөп ошону өстүрүп эне болсоң менин абалымды ошондо түшүнөсүң, экинчи Темирлан жөнүндө мага айтчу болбо! - деп Алима ачуулуу кызынын колун бошотуп өйдө турду, - Сен эми Урматты ойло, ошого татыктуу аял бол, мен кеттим, - деди да чыгып кетип калды.

Асел көмкөрөсүнөн түшүп боздоп ыйлап, апасынын өзүн түшүнбөгөнүнө ызаланып жатты. Анан оюна бир нерсе келгендей ордунан атып турду да шашыла кийинип алып үйдөн чыкты, ал Темирландын кафесине бармак болду: "Балким жай баракат гана ишин иштеп жүргөндүр, менин кандай азапта калганымды оюна да албай ичинен шакабалап күлүп отургандыр", - деген ой башына келгенде өзүн коерго жер таппай жатты. Шашып такси менен кирип келсе Темирлан отурчу орунда Гүлнур отурган экен, аны көрүп артка кетээнчиктей берди эле, аны Гүлнур көрө калып:

- Оо Асел, кел, - деп тура калып утурлай басканда аргасыз учурашып күлө бакты:

- Кандайсыз?

- Жакшы, жөн-жай эле келдиң беле?

- Сиз менен учураша кетейин деп эле…

- Аа-а, жакшы анда, отур, кофе ичели.

- Жок-жок, өтүп баратып эле кайрыла калдым, - деп Асел кетмек болду эле Гүлнур отургузуп койду, Асел анын көзүнө карай албай ала качып жатып зорго отурду.

- Кандай анан алгачкы жашоо, турмуш жолун жакшы баштадыңарбы?

- Жакшы-жакшы, - деп өзүн зордоп күлгөн болду, Гүлнур эки кофе алып келип маңдайына отурду, - Кана кофеден ич Асел, күйөө бала кандай?

- Жакшы эле.

- Эмнеге, көздөрүңдө кусалык бар да?

- Жок, андай эмес, а сиз кафеге келчү эмес элеңиз…

- Ой өлүп кетсинчи, Темирлан ойношу менен кетип калыптыр.

- Ким айтты? - Аселдин жүрөгү ток ургандай зырп эте, көзүн алайта карап калды.

- Нурдин айтты, ал сенин сүйүүңө татыктуу эмес, бул шаардан биротоло чыгып кетти дейт, - деди улутуна, - Мага эч нерсе эмес, кыздар кайра-кайра сурап кыйнаганы болбосо жашоо өтө бергидей.

- Мурда байкаган жок белеңиз?

- Он-он беш күндөн бери ажырашам деп калган, адвокат даярдап ишти өткөрүп жаткан.

- Ажыраштыңар беле анан?

- Жо-ок, бүткөн жок да, мен болбой койгомун.

- Кызык экен, ким менен кетти экен? - Асел ойлуу ичи тызылдай Гүлнурду билмексен болуп карады.

- Ким экинин билсем ал шуркуянын чачын жулуп, көзүн чукубайт белем, билбей жатам да, - деди Гүлнур кыжыры кайнап.

- Гүлнур эже, мен кетейин, кофеңизге рахмат, - Асел андан аркысын уккусу келбей ордунан турду, бир жагы чындап эле Темирланды башка аял менен кетип калдыбы деген кызганычтан туттуга түштү.

- Отурсаң боло.

- Жок, кете берейин.

- Ма-акул, жакшы бар, сиңдим, - Гүлнур оюнда эч жамандык жок Аселди узатып кайра кирип кетти.

Асел чыгып эле Темирланга чалды эле анын телефону өчүрүлгөн деп оператор какшанып жатты: "Жо-ок, ал андайга бармак эмес, аны Нурдин соо кылган жок", - деп ылдамдай басып такси тосуп Нурдиндин офисине жөнөдү: "Мен анын өлүү же тирүүсүн билишим керек", - деп таксиден түшүп эле беш кабат имараттын төртүнчүсүнө лифт иштебегендиктен тепкич менен күйүгө чыкты. Нурдиндин кабинетин тыкылдатпай эле кирип келгенде Нурдин аны көрүп тура калды:

- Кел Асел, эмне болду сага?

- Аке, бир тууганбыз го, мага Темирландын өлүү-тирүүсүн айтып койчу, кудай жалгагыр, мени аяп койчу, - деди энтиге.

- Асел, экинчи менден ал жөнүндө сураба, эми өз күйөөң менен тынч жаша, эгерде дагы сурасаң, менден жакшылык күтпө! - деди көзүнүн чаарын чыгара, - Бар, жолуңа түш!

- Мейли, мени өлтүрсөң өлтүр, Темирланды сен билесиң, анын кайда экенин айтчы аке, айланайын аке?! - деп Асел көз жашын куюлтуп турганда Нурдин анын маңдайына келип ээгинен катуу кармап:

- Күнөөңдү билип туруп кайсы бетиң менен келдиң, сен менин жиним менен ойнобо, сыйың менен үйүңө бар дагы Урматты имергенге аракет кыл, жөнө өлө элегиңде! - деп түртүп ийди.

- Кетпейм, Темирландын кайда экенин айтасың.

- Темирлан башка аял менен кеттим деп кетти, сен өзүң ага эмнеге жармаштың бетбак, энеңдин өзүн тарткан экенсиң, шерменде, - Нурдин Аселди карыдан алып кабинетинен түртүп чыгарып койду.

Асел ызаланып эмне кылаарын билбей каалгага жөлөнүп турганда Урмат чыгып калды ары жактан.

- Сен эмне биерде жүрөсүң?

- Аа-а, мен сага келгемин, башым айланып кетти, - деп сөз таба койду Асел, өзү заматта өзгөрүлмө артисттик жайы бар неме оңой эле жооп бере салды. - Жалгыз отура албай койдум, бирге түштөнөлүчү.

- Убактым жок, - деп койду Урмат, ал кайра ордуна барып отуруп алды.

- Кофе ичеличи анда, - деди Асел анын артынан кирип, Маринаны көрүп ага жайдарылана кайрылды, - Марина, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Эң сонун, Урмат экөөбүз түштөнөлү деп келгемин, колу бошобойт го?

- Урмат, - Марина Урматка кайрылды, - Колуктуңду жалгызсыратпай түштөнүүгө барып кел да.

- Жок, иштерим толтура, карынды ойлогонго убактым жок.

- Урмат, урматтуум менин, жүрчү бир жерден тамактанып алалы, - деп Асел анын жанына келип эркелей алдындагы кагазды тартып алып жатып Маринанын сүрөтүн көрүп калды: "Эмнеге иш столуна Маринанын сүрөтүн коюп алган", - деп ойлоп Марина жакка кайрылды, - Марина, менин билишимче Урмат экөөңөр абдан жакын дос болсоңор керек? - Билмексен боло сынай карады.

- Ооба-ооба, биз бирге ойноп өскөнбүз, - деп Марина Урматты карап калды.

- Эмне экен, билгиң келсе ошондой, - Урмат күңк этти. Асел акырын басып барып Маринанын артынан өтүп байкатпай анын алдында да Урматтын сүрөтүн көрүп: "Демек бул экөөнүн ортосунда бир нерсе бар", - деген ойго келип кайра Урматтын жанына келди.

- Кеттикпи, урматтуу менин күйөөм? - деп эңкейе жаагынан өөп Маринага көз кысып койду, дал ушул жерден анын түлкүдөй амалдуулугу ашкан мүнөзү, керек жерде каткырып күлүп, кээде жөн эле көл-шал болуп көз жашын төгүп ийген адатын карматкысы келди, - Андай эле жактырбасаң мен кете берейин.

- Азыр, сен чыга бер, - деди айласы кеткен Урмат.

- Күтөм, - деп дагы бетинен өөп коюп, Маринага колун көтөрө чыгып кетти. Марина кызыктай болуп отуруп калды. Ошол убакта телефону чыр этип Нурдиндин үнү угулду.

- Марина, мен сырттан күтөм, бирге түштөнөлү.

- Жарайт, азыр чыгам.

- Ким? - Урмат Маринага суроолуу карады.

- Нурдин.

- Эмне дейт?

- Бирге түштөнүүгө чакырды.

- Марина…

- Угуп жатам.

- Нурдин менен баспай жүрчү.

- Неге, мен уже чоң адаммын, өзүмдү-өзүм билем садагасы, сен менин атам же энем эмессиң, тыюу салгандай, - Марина жылмая ушинтти да чыгып кетти.

Сыртка чыкса Асел туруптур, Марина унчукпай өтүп барып Нурдиндин машинасына түшүп кетти. Аңгыча Урмат да чыга келип өз машинасын көздөй басты.

- Урмат, Марина Нурдин менен кетти го? - деп Асел атайын сурады.

- Эмне ишиң бар, өзүңдү билчи!

- Сураса эмне экен, унчукпай жүрүп Маринада да иш бар экен да, - Асел Урматты сынамакка атайын айтканда Урмат унчукпай машинасын ордунан жылдырды, - Кызык, экөөндө бир иш бар го, балким үйлөнүп алышаар.

- Жокту сүйлөбөчү, ага Марина тийбейт.

- Эмнеге, байлыгына кызыкса тийип алаттыр да.

- Марина андай жеңил кыздардан эмес, - деп койду Урмат.

- Жеңил, кимди көрдүң эле жеңил кыздардан? - Асел чокчоңдой карады, - Балким мени айтып жаткандырсың?

- Көп сүйлөбөй түш, - деп Урмат машинасын унаа токтоочу жайга токтотту да кафени көздөй жөнөдү.

- Ушул жерден ичебизби? - Асел жактыра бербей мурдун чүйрүп туруп калды.

- Эмне экен?

- Урмат, жүрү ресторанга эле баралы.

- Мага ушул жер эле жагат, - Кенебей кирип отуруп алды эле Асел дагы аргасыз келип отурду, тамакка буйрутма берип Урмат жаагын таяна ойлуу отурганда Асел:

- Эмнени ойлоп жатасың? - деди.

- Тынчыраак отура аласыңбы деги?

- Сурап койдум да.

- Неге?

- Баш ооруп кетти.

- Мүнөзүң ушундайбы?

- Билбесең эмнеге тийдиң?

- Сени сүйгөнүм күнөөбү?

- Бул сүйүү эмес, өлөрмандык.

- Кантип, сени сүйөөрүмдү кантип далилдейм?

- Далилдөөнүн кереги жок, - Алдыга келген тамакты жылдырды, - Көп сүйлөбөй тамагыңды ич да үйгө кете бер, - деп Урмат ага карабай ичип кирди. Асел кашыкты колуна алып тамакты ичмек болуп келе жатып окшуп кетти, - Эмне болду сага? - Урмат тамак ичип жатып токтой калды.

- Жүрөгүм айланып кетти.

- Врачка көрүнүшүң керек экен.

- Эмнеге?

- Кандай ооруң бар экенин билиш керек да.

- Ой жо-ок, өзү басылып калат, - Асел шашып калды, - Мындай боло берет.

- Көбөйүп кетиши мүмкүн, тамактангандан кийин врачка баралы.

- Жок-жок, бул жөн эле көнүмүш адатым, жакшы болуп калат.

- Өзүң бил.

- Кабатыр болбо, - Асел кытмыр жылмайып койду, - Эми мен үчүн кам көрөөр өзүң барсың, туурабы урматтуум?

- Ичпейсиңби?

- Ичким келбей калды.

- Анда мен бүттүм, кете бересиңби?

- Сен жеткирбейсиңби?

- Жок, такси менен бара бер.

- Жарайт кымбатым, мен кеттим, - деп Асел чыгып такси тосуп кайнатасынын үйүнө келди.

- Оо кел Асел, келе гой, - Калима кубанычтуу тосуп алды.

- Кандайсыз?

- Жакшы, кир кире гой.

- Үйдө жалгыз отура албай койдум, - деп төргө өттү Асел.

- Бирдеме ичесиңби?

- Жок, жүрөгүмө баспай жатат.

- Аа-а баса, кош кабат аял ошентет, мен атаңа сүйүнчүлөйүн, жакында неберелүү болоорубузду, - деп чоң залда отурган Ырысбекке карай кудуңдап жөнөдү.

- Апа, айтпай эле коюңузчу.

- Эмнеге, өзүбүздүн неберебизди айтышым керек, унчукпай отура бер, - деп коридор менен баратып эле үн салды, - Атасы-ы, ээ атасы, сүйүнчү!

- Эмне болуп кетти? - Ырысбек чыга калды.

- Сүйүнүчтүү кабар, келиниң кош бойлуу экен.

- Эмне дейт, кечээ эле үйлөнбөдүбү?

- Унчукпа, балдар ошону үчүн тез арада үйлөнмөк болгон да, - деп шыбырай сүйлөп күйөөсүн нукуп койду, - Кубана бер, неберелүү болот экенбиз.

- Болсун-болсун, - Ырысбек кайра кирип кетти.

Асел кечке ал жерде отуруп кечке маал Урматка чалып аны чакырды, жумушунан чыгып келген урмат Аселге үңүрөйө бир тийди.

- Эмнеге биерде отурасың?

- Келсе болбойбу?

- Үйдө эле болбойсуңбу?

- Жалгыз зеригип кеттим.

- Биерде сенин көңүлүңдү ача турган ким экен?

- Урмат, келдиңби уулум, бизден эч нерсе жашырганың жокпу? - деп Калима күлмүңдөй баласын карады, - Мунуң уят, бизден жашырганың болбойт.

- Апа…

- Унчукпа, - Калима Аселди сүйлөтпөй койду, - Балалуу болооруңарды неге айтпадың?

- Кайдагы бала? - Урмат Аселди карады.

- Апа, мен Урматка айткан эмесмин.

- Эмне-е, боюңда барбы?

- Ооба, мен жашырып койгомун, - Асел ыңгайсыздана Урматты жалооруй карады, - Мени кечир, Урмат.

- Кызык жаңылык экен, - Урмат диванга көчүк басты, - Асел, ушунуң үчүн мени кармагансың го? - деди ага жакындай акырын.

- Урмат…

- Болду, кубанычтуу эч нерсе жок, - деп койду кайра орой, Асел унчукпай калды, - Эми болдубу, үйгө кетебизби?

- Макул.

- Кеттик анда, - деп Урмат эшикке чыкты.

Дал ушул учурда Аселди жек көрүп турду: "Мен качан жолодум эле, ушунчалык да акмак адам болобу, өз абийирин жабуу үчүн эле мага катылган экен, неге чечкинсизмин, 'эмнеге сага үйлөнөм, сүйбөйм' деп айтсам болбойт беле", - деп ойлоно берди.

Алар ээрчише чыгып баратканда Калима:

- Ой бала, кайда жөнөдүңөр? - деди ашканадан чыга калып.

- Кетпейбизби?

- Капырай, ит куудубу, тамак бышып жатат, алдыңарда машинаңар бар, анан деле кетесиңер да.

- Ичтик, өзүңөр иче бергиле.

- Эми барып Асел кыйналып тамак жасап жүрмөк беле?

- Кардым ток, - Урмат болбой чыгып кеткенде Асел анын артынан чыкты.

- Балаң кеттиби? - Ырысбек залдан чыгып аялынан сурады.

- Жаш үйлөнүштү, жалгыз болгулары келет го? - Калима күлүмсүрөй күйөөсүн карады, - Биздин жаңы үйлөнгөнүбүз эсиңдеби, чал?

- Эми ал башка, бу балаңдын Аселде көөнү жокпу дейм?

- Көөнү жок болсо ким зордоду аны, табышкан өздөрү да.

- Ошондой болсо дагы бир сыр бар, кемпир.

- Кайдагыны айтпачы, Асел бир үйдүн жалгыз кызы, өң-түстүү жаш кыз, эмнесин жактырбайт? Сен экөөбүздөн тартынып өздөрүнчө болгусу келди окшойт, арамдар десе, - Калима күйөөсүнүн сөзүнө маани бербей эле кубанып жатты. Ырысбек да унчукпай калды, кокус Аселдин Темирлан менен болгон романын укса Аселди баласынын жанына жолотпосу бышык эле, чындыкты билбеген соң неберелүү болууну ким каалабасын.

Урмат үйгө кирип кирбей эле:

- Качантан бери боюңда бар? - деди Аселге.

- Билбейм, жүрөгүм айланганынан врачка барсам айтты.

- Түшүркөгөн жок белең, балким түшүңдө мени менен болгондурсуң, кыз экен деп жүрсө… - Кыжырлуу жылмайды, - Көптү көргөн экенсиң да.

- Урмат, кордобочу мени.

- Сенби же менби, сени менен бир жатпай туруп балалуу болом деп кантип айтып кубанам, өзүң айтчы?

- Кечир мени.

- Эмнеңди, амалкөйлүгүңө салып ата-энеңе жарыя кыла коюп, өз абийириңди жабуу үчүн мени кармаганыңдыбы? - Ачуулуу карады, - Давай, мындай кылабыз, сен төрөгөнчө эки башка жатабыз, элдин көзүнчө эрди-зайып болуп көрүнөбүз да, жашообуз эки башка болот.

- Жарайт, эмне десең дагы ошого макулмун, Урмат.

- Атасы сени таштап кеткенби? - Терс карап суроо узатты.

- Жок.

- Анан эмне болду эле?

- Өлүп калды.

- Аа-а, сүйүүңдү жерлеп койгон экенсиң да.

- Ошондой.

- Мейли, мен сага, сен мага тийишпейбиз, - деди да оозгу бөлмөгө чыгып одеал жамынып жатып алды.

Асел ызалуу, бирок Урматка ашыкча сүйлөй албай отурган жеринде катып калды: "Темиш, мени ушул абалда таштап коюп кайда кетип калдың, мени бактысыздык чулгап алды, же сенин дайныңды билбей азап тарттым го кудай ай. Урматтын менде кымындай дагы көңүлү жок", - деп ыйлап жатты.

Күндөр-күнгө айланып кунарсыз убактар өтө берди, күн өткөн сайын ичи билинип Калима келининин көзүн карап баратты.

- Абайла балам, биринчи балаңды жакшы төрөп алсаң андан кийинкиси эч нерсе эмес, - деп турат, - Кыйналган жоксуңбу?

- Жо-жок, кыйналганым жок.

- Урмат кубанып жүргөндүр, балалуу болооруна, садагаң кетейин десе.

- Апа, Урмат бизге көңүл да бурбайт.

- Эмнеге? - Калима чоочуп кетти.

- Билбейм…

- Ой ал эмнеси экен, анда сен төрөгүчө үйдө болгула, аны өзүм тарбиялаймын, карасаң аялына кайдыгер болгонун, - Калима Аселдин жанына келип акырын шыбырады, - Экөөңөрдү өзүм жакындатам, баса бир шүмшүк азгырып жүрбөгөндөй эле…

- Ким ал, апа?

- Марина, сен аны билесиңби?

- Ооба, ал эмнеге азгырмак эле? - Асел сырын билүүгө койдон жоош боло калды, - Ал жакшы эле кыз го?

- Ошол куруп кетсин, ал Урматты өзү сүйөт, сага үйлөнгөнгө кашайып калды го, ошол шүмшүк азгырышы мүмкүн.

- Кызык, а Урмат аны сүйөбү?

- Кайдан, өзү эле жабышып жүрөт, аны ким келин кыла коймок.

- Түшүнбөдүм, ал өзү жакшы кыздай эле көрүнөт экен.

- Жакшы болбой жамыран калсын, жеткен шүмшүк, - деп Ырысбек кирип келе жатканда кыйпычыктай туруп ашканага кирди. Асел ойлонуп калды: "Демек бул экөө бири-бирин сүйөт, жөндөн-жөн бири-биринин сүрөттөрүн маңдайына коюп алган жок да. Эми Урматты сага бере койбосмун Марина, менин бактымды тартып алууга жол бербейм", - деп ойлонуп мелтирей отура берди, ал эми Темирланды эмес, Урматты кызганып туруп алды.

Ошол күнү кечинде Урмат Аселге келбей эле үйгө кеттим деп чалып койду. Асел кеткени жатканда Калима ага:

- Кайда жөнөдүң? - деди түшүнө бербей.

- Урмат үйгө кетти, мен барайын.

- Эмнеге, бул жерге кайрылбаптырбы?

- Жо-ок.

- Сени шашпа, аны өзүм окутпасамбы? - деди да телефон чалып телефонун тыңшап калды, - Ало уулум, үйгө тез арада келип кал!

- Эмне болду, апа?

- Эмне болгонду эмне кыласың, келип кал! - деди да өчүрүп койду, - Эми келбей көрсүн, - деп Аселге карап жылмайды, - Апаңдын күчүн эми көрө бер, бас үйгө отура бер, - деп Аселди залга алып кирип диванга отургузуп өзү чыгып кетти. Асел жүрөгү дүкүлдөп унчукпай отуруп калды эле жарым саат өтпөй Урмат келип калды.

- Эмне болуп кетти апа, жөн эс алдыра койбойсуңар да.

- Кош бойлуу аялың турса өзүң кетип калганың эмнең, ала кетпейсиңби, ыя?

- Өзү барса эмне болот?

- Мен жиберген жокмун, чоочуп калбайбы?

- Эмнеден чоочумак эле? - деп башка бөлмөгө кирип кетти эле аны тамак ичкенге чакырышты, чогуу отуруп тамактанды да Урмат ордунан турду, - Биз кетели апа, ата.

- Ой бала, Аселдин төрөөрүнө аз калды, биерде эле болгула.

- Эмнеге? - Кашын тырыштыра карады.

- Ошо, ушул жерде болгула, үй кенен, өз бөлмөң турат, чоочун үй беле?

- Апа, кызык кишисиз да, биздин өзүбүзчө эле болгонубуз жакшы, - Урмат Аселге кайрылды, - Болбойсуңбу?

- Азыр, - Асел козголду.

- Бол, мен эшиктен күтөм, - деп эшикти көздөй басканда Калима унчукпай отуруп калды. Асел чыгаары менен Урмат бурк этти, - Апамдын ою менен отура бербей бара бербейт белең?

- Жибербей койду.

- Экинчи бул үйгө келчү болбо.

- Неге, Урмат?

- Сен түшүнбөгөндөй болбочу ээ? - Акшыя карады.

- Урмат, анчалык жек көргөндөй эмне кылдым?

- Өзүң билбейсиңби?

- Эми билгенде…

- Болду, сенин эле сөзүңдү укканга кызыктар болуп турганым жок, - Алар беш-алты кабат үйдүн алдына келип токтошту, - Кире бер, мен машинаны коюп келем, - деди да ары жылып кетти.

Бул бири-бирине капыстан кабылып калган эки жаштын ар бир күнү ушинтип өтүп жатты, Аселдин айы-күнү жетейин деп калган, ата-энесиникине барып өз бөлмөсүнө кирип жатып алып ыйлап жатканда Алима кирди:

- Эмне болду, кызым?

- Апа, мен кыйналып кеттим, Темирлансыз өмүрүм тозокко айланды.

- Ал үчүн ким күнөөлүү?

- Апа, мен атама ачык эле айтамын, Темирланды издеп табамын да кетем, Урмат баары бир мага карабайт.

- Ага мен таңып бердимби, атаңа айтчу болсоң анын оорусу кармайт андан көрө ажырашууну ойлон, Темирлан жөнүндө эч ким билбесин!

- Баары бир атама айтам, - деди Асел көгөрө, - Балам өз атасы менен болушу керек.

- Бас оозуңду, азыр унчукпа й үйүңө жөнө, келсең жөн келип жөн кет! - деп Алима кызына жиндене сүйлөдү, - Балаңдын Темирландан экенин билсе атаң эмне болоорун билесиңби?

- Эмне болмок эле, көп болсо тилдейт, урушат.

- Эмнеге энем болуп туруп менин таламымды талашпайсың?

- Сенин акылсыз иш кылганыңдыбы?

- Баары бир энесиң го апа, мага акыл-насаат айтып койсоңчу? - Асел ыйлап тура жөнөдү.

- Каякка!

- Кетем!

- Кеткениң жакшы, үйүңө бар, - Алима диванга шалдая отуруп калды, ал азыр Аселдин туура эле Арстан эс алып жаткан сөөрүгө бараарын билгенде минтип отуруп калбайт эле.

Аселди көргөн Арстан жаткан жеринен өйдө болду.

- Кел кызым, кетип жатасыңбы?

- Жок, сизге келе жатам, ата.

- Эмне болду, ыйлагансың го?

- Ата-а, - Асел атасын кучактап ыйлап ийди, Арстан анын чачынан сылап, төбөсүнөн жыттады.

- Секелегим десе, турмуштун ой чуңкуру, ысык-суугу болбой койбойт, эмнеге капаландың? - дегенде эрээркеп кеткен Асел:

- Ата, менин балам…

- Эмне болду, балаңа эмне болуптур?

- Ата, мен Темирланды сүйөм!

- Эмне дейт чунак кыз, кайсы Темирлан?

- Темкачы, мен аны сүйөм, Урмат менен жашай албайм, - дегенде Арстан кучактап турган колун тартып алып жаздыгына башын коюп чалкалай көзүн жумуп тиштене жатып калды, - Ата, жооп берчи, биз бири-бирибизди сүйөбүз, балабыз да…

- Жогол көзүмө көрүнбөй! - деп бакырды Арстан, ошол кезде үйдөн Алима, дарбаза тараптан Нурдин келе жаткан эле, экөө тең Арстандын үнүн угуп жүгүрүп келишти.

- Эмне болду, ата? - Нурдин эңкейе атасына үңүлдү.

- Сен эмне деп жибердиң, курган кыз? - деп кызына акырая карап Арстандын бир жак колунан кармалай жанына отурду, - Эмне болуп кетти, атасы?

- Кызыңды көзүмө көрсөтпөй жоготчу!

- Ата-а!

- Жогол!

- Болду, бар үйүңө, - Алима Аселди ары карай колтуктап алып кетти, - Кандай акылсыз кыз элең ыя, менин жашоомду тозокко гана айланта турган болдуң го?

- Апа, мен Урматтын үйүнө барбайм, мени ойлобосоңор бул жашоонун мага эмне кереги бар, баары бир Темирланды табам, таппасам дайынсыз кетем! - Асел булкуна бошонду да жүгүрүп кетти.

Алима же анын артынан басаарын же күйөөсүнө бараарын билбей туруп калды, ошол кезде Нурдин анын жанына келип:

- Мен врачка кеттим, эгерде атама бирдеме болсо кызың экөөңөрдү тең бул үйдөн изиңерди жоготом, - деди да басып кетти.

Алима зыңгырай аны жек көрө карап туруп артына кайрылып күйөөсүнүн жанына келди.

- Арстан, акыбалың жакшы элеби?

- Жакшымын Алий, кызың кургур менин абийиримди төккөн тура, сен да көп ойлонбо эми, жалгыз кыздын бейсалака болуп калганына экөөбүз тең күнөөлүүбүз, - деди да Алимага жүзүн буруп, - Сен бул ишти билет белең? - деди суроолуу тигиле.

- Жок Арстан, мен азыр сенден мурунураак билдим, сага айтаарын билбей өзүмдү жоготуп отуруп калган экенмин да, кантейин эми, ойдо жок иш болуп кетти, өмүр бою Гүлнурдун алдында күнөөлүү болуп көзүн кароодон тайсалдап жүрүп өтөт экенмин го…

- Бечара, Гүлнур мени өзүнүн бир тууган агасындай көрчү эле, ал эч нерсе билбесе керек, арам ою жок пейли таза адамга жамандык кылган неме жарыйбы, бак табабы? - Арстан онтоп алды, - Кокус көзүм өтүп кетсе Нурдин силерди эчтекеге ээ кылбайт. Банктын начальниги Юсупжанды чакырчы, ага көзүмдүн тирүүсүндө көздөштүрүп документке кол коюп коеюн, бир миллионду өзүнчө кол кат менен каттырып койгомун, - деп терең дем алып алды да жатып калды, - Темирлан менен Аселдин күнөөсү үчүн Гүлнурга дагы бериш керек.

- Жаман жорук баштабачы, Арстан, сакайып кетесиң, кызыңдын сөзүнө кан басымың көтөрүлүп кетти го? - Чекесин басып эки жагын кымтылады, - Өтүп кетээр, укол сайса ордуна келет.

- Убакытты өткөрбөй Юсупжанга чал, Алий.

- Макул, - Алима колдору калчылдай Арстандын телефонун алып Юсупжанды издеп тапты да, - Ало, бул Юсупжан бекен? - деди.

- Келе мага бер, - Арстан колун сунду эле Алима телефонду бере койду, - Ало, Юсупжан, тезирээк келип кетчи, ооба-ооба, келип кет, баягы мен сага каттырган кагаздарды да ала кел!

- Ата, врач келди, - деп Нурдин жанына келгенде гана телефонду өчүрүп коюп врачка карады, ал текшерип, кан басымын көрүп анан бир аз ойлуу:

- Сиз ооруканага жатышыңыз керек, - деди.

- Жо-ок, ооруканага барбайм, жакшы болуп кетем, дары-дармек жазып бер, үйдөн эле карашат, - деп Арстан терс бурулуп кетти.

- Ата, жатып дарыланып албасаң болбойт, ооруну күчөтүп аласың го, - деп Нурдин карбаластап кетти, - Сен мага керексиң, ата, дагы көпкө жашашың керек.

- Балам, мени жайыма кой дагы кагаздарыңды алып кел, доктурду узатып кой, бекер эле убара кылдың окшойт, - деп Арстан өйдө болуп отурду.

- Кагаздарды эмне кыласың, ата?

- Алып келе берчи, - деп коюп Арстан ары карап кетти.

Нурдин Алиманы жек көрө бир карап алды да врачты ээрчитип басып кетти. Ал кетээри менен Юсупжан шашыла жетип келди, жанында катчысы да бар экен.

- Арстанбек Абасович, тынччылыкпы деги? - Кол сунуп учурашты.

- Жайында, сен эми баягы акчаны Алима Турсунбековнанын атына которуп, баарын документтештирип кой…

- Жарайт, Арстанбек ага, айтканыңыздай болсун.

- Тез арада бүтүр.

- Болду-болду, буга кол коюп койсоңуз эле болду, - Юсупжан ага бир топ кагаздарды сунду. Арстан ар бирин талдап карап туруп анан кол коюп кайра берди.

- Алима, сен паспортуңду бер дагы, Юсупжандан кабар алып тур.

- Ма-акул, - деп Алима үрпөйө күйөөсүн карап жатты: "Капырай бул эмнеси, баарын табыштап жатат да", - деп ойлонуп акырына жете албай отурганда Нурдин келип калды.

- Алып келдиңби, балам?

- Ооба, алып келдим, - Нурдин кабагын карыш түйө делолорду алдына койду, - Толук ушунда.

- Актай кагаз барбы? - деди Арстан баласынын бир бозоруп, бир кызарып турган жүзүнө тигиле.

- Эмнеге керек?

- Керек.

- Эмне болуп жатканын түшүнбөй жатам, ата?

- Алып кел, балам.

- Жарайт, - Нурдин бир делонун ичинен актай кагаз алып чыкты. Арстан аны алды да төш чөнтөгүнөн ручка алып чыгып бирдемелерди жазып жатып токтой калып:

- Гүлнурду чакырчы, алып келе кал өзүң, - деди.

- Эмнеге?

- Алып кел! - дегенде Нурдин унчукпай жөнөдү.

- Арстан, аны эмнеге чакырттың, жүрөктү түшүрүп жаман жорукту баштадың да?

- Керек, жанагы балдарын ким карайт, сандырак эри Асел экөөлөп аларды талаага таштаганын карабайсыңбы, өзүң түшүнүп туруп сурайсың да Алиш, - деди оор үшкүрүп жеңилдегендей кайра жазып кирди, - Урматка чалчы.

- Макул, - Алима Урматка чалып тез келип калуусун өтүндү. Баары чогуу келгенде Арстан кагазды колуна алып окумак болгондо Асел чалып калды. Алима сүйлөшүп жатып:

- Эмне дейсиң, кызым? - деп көзүнүн жашын төгүп жиберди.

- Эмне болду?

- Ким, Асел чалдыбы?

- Эмне дейт? - дешип Алиманы карап калышканда Алима:

- Биротоло кетип жатам дейт, кайрылып келбейм деп кетип жатыптыр, - деп бышактап калганда Арстандын колундагы барак түшүп кетти. Бир колу менен сол көкүрөгүн басып туруп калганда баары аны тегеректеп калышты, докторду чакырып укол сайдырса да болбой ошол жерден үзүлүп кетти. Нурдин Алимага сөөмөй кезеп жулунду.

- Кызың экөөңөр түбүнө жеттиңер!

- Кой Нурдин, андай дебе, кандай болсо да атаңдын аялы, - дешип кармап калышты, - Андан көрө өлүк камын ойло, баласы болгон соң милдетиңди аткар.

- Ооба, атаң кандай гана жакшы адам эле.

- Ичээр суусу түгөнсө айла жок да.

- Жакшы жүрдү, жакшы жашады, калыс адам болчу, - деп Арстанды мактап жатканда бири ар жак, бер жакка чалып жатты, Алима ыйлап-сыктап жатып Аселге чалды эле ал ыйлап жооп берди. Ошентип өлүктү жерге берээр күнү Асел келип калды, Калима келинине таңгалып жатты.

- Ботом кайда жүрдүң?

- Апа, кыйналганымдан ооруканага жаткамын, тогу жок, телефонум өчүп калыптыр.

- Ооруканага жатсаң бизге айтпайт белең?

- Убара кылгым келген жок, - деп ары көздөй басты.

Арстанды жерге бергенден кийин анын колунан түшкөн кагазды Урмат алып койгон эле, ошону Алимага берди. Ал окуп көрүп эси ооп отуруп анан баарына көрсөттү. Гүлнурга эки кызы үчүн ушул турган заңгыраган эки кабат үй, он беш сотыктай бак, алма жемиштерин жана элүү пайыз мурас калтырыптыр. Гүлнур муну угуп таңгалып калды.

- Эмнеге, Алима жеңе, мага милдеттүү эмес эле, олчойтуп буларды ала албайм го?

- Сени өз бир тууганындай көрчү, Темирландын кетишинен улам ошентсе керек, - Алима билмексен боло жооп берди.

- Ошондо деле бул калыссыздык, Асел менен сизге эчтеке калтырбаптыр го?

- Эчтеке эмес, буйруганы болоор, - деп Алима козголо койбоду, токтоолугу аны абдан көп нерседен сактап кала турган, ал күйөөсүнүн калыстыгына ыраазы болуп турду. Асел экөөнө тең эмеспи, жалгыз кызынын уят, кечирилгис кылган күнөөсү үчүн ушуга барганын түшүндү. Бул чечимге Урмат дагы таңгалды, ага дагы чоң мурас бөлүштүрүптүр. Асел менен Алиманын аты да аталбаган. Айрыкча Нурдин туталанып жатты, ага да тигилер катары гана мурас калтырыптыр.

Алима менен Асел жалгыздап калганда жанына келип:

- Эми ыраазысыңарбы? - деди кекете.

- Табалагандай бөтөн эмеспиз.

- Байлык-байлык деп жүрүп түбүнө жеттиңер, эми Гүлнурга Темирландын күнөөсүн жууш үчүн үйдөн чыгып кетүүңөргө туура келет го дейм? - Кыжыры келе сүйлөдү, - Бошотуп берүүгө туура келет.

- Нурдин, сени менен касташууга ниетим жок, - Алима ага салмактуу сүйлөдү, - Андан көрө атаңдын арбагын сыйлагын.

- Силерсиз эле сыйлап алам.

- Болуптур, Арстандай адамымды жоготуу мен үчүн да оңой болгон жок, канчалык кегиң болсо да адамгерчилик менен жеңе билгениң жакшы эле.

- Мага акыл айтчулардын биринен эбак ажырагамын, ал эми биринен жаңы гана айрылдым, эми эч кимдин акыл айтууга акысы жок!

- Эми эмне дегиң келет? - Көзү менен атып ийчүдөй суроолуу карады Алима.

- Асел, сен тынч жашагын Урмат менен, мен сенин кыйшаңыңды угуп же көрөт экенмин, жакшылык күтпө! Жакшы жүрсөң карындашым, жок бир кылтыңың болсо касым болосуң, мен сен үчүн жаманатты болгум келбейт! - деп тикирейе тиктеп сөөмөйүн кеседи да чыгып кетти.

- Кудай гана бардыр, эзелкини унутпай өмүр бою кектемек болду, - деп күбүрөнүп калды Алима, сыртына чыгара сүйлөп ийгенин сезбей да калган экен, Асел таңгала сурады.

- Апа, эзелки кек дейсиңби?

- Ыя ошенттимби?

- Ошентип айттың го, ал эмне болгон кек?

- Эч нерсе…

- Апа-а, сен жөн сүйлөгөн жоксуң, кандайча Нурдин экөөңөрдүн ортоңордо кек болушу мүмкүн?

- Бала болуп кетпечи кызым, ансыз дагы көкүрөк эзген көп санаа жан кейитип турганда…

- Жо-ок апа, менин агам болуп туруп неге бир туугандай мамиле кылбайт, себеби бар болсо керек, мен аныгын уккум келет, - деп туруп алды.

- Кой эми, Урмат келсе кетишиң керек кызым, эми эсиң менен бол, Темирланды оозуңа эмес оюңа дагы алчу болбо. Андан көрө күйөөңдү өзүңө тарт, аялдык наз, аялдык назиктик, мээрим деген бар, сен аны ошентип өзүңө тартышың керек, - деп акыл-насаат айтып отурганда эшик тык-тык кагылды. Асел барып эшик ачса Ырысбек менен Калима экен, көтөрүнчөктөрүн көтөрүнүп кирип келишти.

- Кудагый, жакшы отурасыңарбы, кайгыңарга тең ортокпуз, - деп Ырысбек учурашты.

- Жакшы-жакшы, келиңиздер куда-кудагый, төргө өткүлө, - деп Алима сый көрсөтө колун төргө карай жаңсады, кызматчы аял аларга дароо эле чай менен кофе алып келди. Ырысбек алып келгендерин дасторконго жайып куран окуп бата кылышты.

- Арты кайырлуу болуп, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, - деди анан кобурай, - Жакшы адам эле, ичер суу түгөнүп, күнүң бүтсө адам ушул экен го?

- Ооба десең, ким ойлоптур куданы өлөт деп, күтүлбөгөн окуя болбодубу? - Калима шыпшынып алды.

- Ажалга айла жок тура, - Алима үшкүрүнө жер карап отуруп калды.

- Атамдын өлгөнүнө ишене албай турам дагы эле, - Асел улутунду.

- Көп кейий бербе балам, балага күйүттүн зыяны тийет.

- Ооба, курандан башка айла жок, - деди Алима.

- Капырай, куданын бир жагына түшүнө албадым, Гүлнурга мына бул заңгыраган үйдү үргүлжү таштаганына. Уул-кызы турса ушунусу туура болбоду, кудагый, таңгалып жатам ботом, - Калима таңдайын такылдатып койду.

- Калима, сенин эмне ишиң бар, ушундай нерселерге киришпей жүр деп айтпадым беле? - Ырысбек аялын тыя сүйлөдү.

- Койдум-койдум, чал, - деп Калима купшуңдай отуруп калды, - Кудагыйдын дагы көз акысы бар эле дейм да.

- Эми ал чечилип бүткөн кудагый, өз билгенин, оюндагысын керээз кылып кетти, тиги дүйнөсүн берсин, мен нааразы эмесмин, - Алима салмак менен куда-кудагыйын карады, - Гүлнурдун күйөөсү таштап кеткенге бору ооруган го, бизде дагы өлбөстөй оокат бар эмеспи?

- Ооба-ооба, кудагый туура айтат, - Ырысбек кудагыйын колдоп койду. Көпкө аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Кетээринде Калима Аселге кайрылды.

- Эми Аселди алып кетели кудагый, чыккан кыз чийден тышкары деген эмеспи, өз үй, өлөң төшөгүнө барсын.

- Мейли кудагый, бүлө силердики, мен эмне демек элем.

- Бир-эки күндөн кийин деле барайынчы, - Асел апасын карады.

- Кайра келип турасың да, балам.

- Жо-ок, азыр барбай турайын, апам жалгыз калат, - Асел кыйыла туруп алды.

- Мейли, келинди кыйнаба, турса туруп турсун, келген-кеткени бар, - деди Ырысбек аялына, - Буга дагы кыйын, атасын жоготуу катуу тийди да.

- Макул балам, өзүң бил, Урмат келсе бараарсың, - деп Калима унчукпай кеткенге камынып өйдө болуп калды, Алима менен коштошуп үйдөн чыгышты.

Асел "Өх!" деп алып:

- Ушулар надоело , - дегенде Алима тилдеп калды.

- Акылыңдын жогу кызым, качандыр бир кезде чындык калкып чыкканда экөөбүз тең эмне болоор экенбиз?

Ошол убакта эшик ачылып Гүлнар баш бакты.

- Кандайсыңар? - Күлүп-жайнап алар менен учурашып отура кетти.

- Жакшы, өзүңөр кандай, кыздар окуп жатабы?

- Ооба, Тамара жаңы окууга кирди, бир жагынан иш…

- Быйылча кыйналсаңар чоңоюп калышат, - Алима Гүлнурдун алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип көзүн ала качып сүйлөдү.

- Асел кете элекпи?

- Ооба, мени жалгыз калат деп кабатыр болуп жатат.

- Алима жеңе, жалгыз чыны кыйын сага, мен эки кыз менен жалгызмын, Асел кетсе мени менен эле жашай берсең болот го?

- Гүлнур, ансыз дагы бул үйдү бошотуп берүүбүз керек эле, акырындап орун таап алсам анан бошотом го, кыз-күйөө менен бирге турганым уят эмеспи.

- Ошонуң кантип болсун жеңе, ары эжемдей көрөм, менин толгон төркүнүм деле жок, анан дагы үйгө муктаж эмесмин, чакан болсо дагы үйүбүз бар, - улутунуп ийди, - Темирлан мени таштап кеткени намысыма тийди, кыздарым сагынды окшойт, өздөрүнчө отуруп бири-биринен сурашат экен…

- Эми бул тагдыр да Гүлнур, кудай өзүңө кубат берсин.

- Ошо да, жерде калбасмын.

- Ургаачынын чырагы кырк дейт го? - Экөө сүйлөшүп отурганда Асел өз бөлмөсүндө Темирлан экөөнүн жүргөндөрүн тартып жүргөн видеосун коюп көрүп отурду, аны дискке тартып алышкан. Андан кийин сумкасына дискти салып коюп алардын үстүнө кирди. Гүлнур турган жерде тура албай кыйпычылыктаганы менен аргасыз келип апасынын жанына отурду:

- Темирлан жездеден кабар барбы?

- Жок, житкен октой жоголду.

- Кыздарына дагы телефон чалбадыбы?

- Жок-жок, кыздардан ашык көргөн ойношу жанында жүрсө эстемек беле? - Кызаңдай, кызганычтуу айтты Гүлнур, - Ошондой аялдарды көрсөм жеп ийгим келет, өзү аял болуп туруп аялдарды түшүнбөгөн шуркуяга кудай гана бардыр, эч жерге батпай калганда гана түшүнөт го андайлар, - деп Алимага карады.

Алиманын жүрөгү зырп этип кетти, билип туруп атайын каргап жаткандай сезилип көзүн ала качты.

- Ооба-ооба, - деди аргасыз Аселди карап.

- Кудай көрсөтөөр…

- Туура…

- Кой жеңе, мен кетейин, - Гүлнур ордунан туруп Асел менен Алимага карады, - Эч нерседен кабатыр болбогула, үй кең, пейлибиз таза, бу дүйнөдө андан башка адамга эмне керек? - Күлө карап Аселге кайрылды, - Апаңдан кам санаба, жалгыз калбайт, өзүм менен бирге болот.

- Рахмат, Гүлнур эже.

- Макул мен кеттим, Асел кетсе мага келиңиз, - деп эшикти көздөй басып чыгып кетти.

Эне-бала унчукпай үнсүз-сөзсүз көпкө селдейип турушту, балким алардын да жан дүйнөсү жанчылып, абийир алдында жооп берүү кыйын болуп жаткандыр, бирок бул көрүнүш дагы канчага кайталанып эзилип күн өткөрөөрү белгисиз. Алима көптө барып отуруп оор улутунуп чекесин таяна кызына тигилди.

- Кандай гана иш кылып жибердиң, кызым ай. Гүлнурду көргөн сайын өзүмдү күнөөлүүдөй сезип жаман болчу болдум, кайсыл күнү ачыкка чыгып эл алдында абийирибиз төгүлөөр экен…

- Болдучу апа, кайра-кайра жей бересиңби?

- А мен Гүлнурду көргөн сайын өлүп-тирилип жатпайынбы?

- Эмне кылайын, сүйүүнүн күнөөсү кайсы? Биздин күнөөбүз бири-бирибизди сүйүп калганыбыз, - деп тастаңдады Асел, - Өзүм дагы кыйналып жүрөм, мага эле жеңил бекен?

- Ойлонуп иш кылышың керек эле.

- Болоору болду да.

- Эмне кылсаң ошо кылчы, - деп Алима терс бурулуп кетти.

- Мен Темирланды тапмайынча тынчыбайм, эгерде бирдеме болсо Нурдинди кармап беремин, ошонун эле колунан келди, - Асел дулдуңдай ашкана жакка кетти.

Алима ойлуу башын мыкчый креслого кыңкайып көзүн жумду: "Бактыма жалгыз кыз берип акылсыз болуп калганын кантейин, неге эч нерсени ойлоп койбойт? Гүлнурдун ар бир сөзү жүрөгүмө ок болуп кадалып, жети өмүрүмдү жерге киргизип жатканын кайдан билди курган кыз, айлам канча, көнбөскө болот беле", - деп ойдон арыла албай жата берди…

Нурдин мурда анча ойлонбоcо да атасы өлгөндөн кийин билди жалгыздыктын азабын, көрсө атасы Арстандын бары ага опол тоодой караан, жөлөк-таяк тура. Оюна койсо Аселди жок кылганы турат, бирок колу барбайт, аны атасы жакшы көрчү эмес беле? "Акмак, жакшынакай үйбүлөнү чачыратып, дагы бирөөнү үйлөнүүгө аргасыз кылган шуркуя, атамдын гана арбагын сыйлап турам, болбосо башын жулмакмын", - деп ойлоп алат. Кийинки кездери үйлөнүүнү ойлоно баштады. Маринаны ар тараптан колдоп турат, ага канчалык тартылганы менен ал ага көңүл бурбагандай.

- Марина, - деди бир күнү, - Мен сага бир сөз айтсам кандай дейсиң?

- Айтып көр, - Марина жылмая жооп кылды.

- Марина, мен сени жактырып калдым, атаңдын алдына барып колуңду сурасам кантет?

- Жо-ок, болбойт го? - Марина чоочуп кетти, - Биздин ортобузда башкача сөз болууга тийиш эмес!

- Марина, менин сезимимди суу сепкен оттой жалп эттирбе, чынында сени жактырдым, ушул убакка чейин жалгыздык эмне экенин сезбептирмин, көрсө атамдын карааны опол тоодой тура, эми гана жалгыздыкты сезип, жан дүйнөм ураган үйдөй томсоруп өкүнүп отурам, сен менин сөзүмдү кайтарба!

- Нурдин, сен мени кечир, ар бир адамда сезим болушу керек го, менде сага деген эч кандай сезим жок, - деди да туруп эшикке чыгып кетмек болуп босогого жеткенде Нурдин:

- Марина, качан сенден оң жооп болмоюнча күтөм, - деди.

Марина үнсүз гана чыгып кетти: "Кудай ай, Нурдиндин бул эмне дегени, мен аны сүйбөсөм кантип ага чыкмак элем? Жо-ок, мен ага макул эмесмин, эч качан Нурдинге чыкпайм", - деп ойлонуп ордуна келсе Урмат басып келди:

- Кийинки кездерде Арстановичтин кабинетинен чыкпай, түштөнүүгө дагы бирге барып калдың да? - деди кекете.

- Урмат, мен сенин аялың же карындашың эмесмин да, башым бош, өз эрким менен кеңешип иш кылам, анда тиешең канча?

- Билем-билем, бирок артыңды ойлосоң болмок?

- Эмне болуптур, сенсиз дагы алды-артымды аярлап басамын, - Марина жини келип турса дагы аны карабай иш кагаздарын карамыш болуп отуруп алды.

- Марина, дагы эскертем, Нурдин жакшы адам эмес.

- Билгим дагы келбейт.

- Марина, биз доспуз, мен сага жамандык каалабайм.

- Урмат, биринчиден өз акылым өзүмдө, экинчиден сенин тагдырың өзүңдө, меники өзүмчө, өзүңө-өзүң сак бол, мен жөнүндө ойлоочу болбо, - Марина жиндене ага ушуну айтты да ары карай басып кетти, кыязы өзүн-өзү алаксытмак болду шекилдүү.

- Ма-акул, - Урмат кызаңдай өз ордуна барып отурду да, - Ооба-а, менин акым жок, күнөө өзүмдө, эмнеге эле ага сүйлөй берем, унчукпай кое албадым, сүйөөрүмдү айтсам түшүнбөсө, аял алып алган күнөө менде, сүйбөй туруп эмнеге Аселге байландым, ал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок десем ким ишенмек эле? Марина, сени кантип унутаар экенмин", - деп өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөнүп алды.

Көптөн кийин Марина кайра келип отурду, көз кыйыгы менен Урматты карап коюп ишин улантты. Ал күнү экөө жакшы сөзгө келе алышпады, кечинде Маринаны Нурдин жеткирди үйүнө, ан сайын Урмат туталанып кала берди, бирок эч нерсе кыла алмак эмес…

Марина үйүнө эми келип ашканага кирип кечки тамагын жасаганга камынып өз ишин бүтүрүүгө киришти, аңгыча кошумча сабактан Бекзат келип калды.

- Марина эже, кардым ачты.

- Азыр тамак даяр болот. Мына-мына.

- Эже, мен тамгаларды жакшы үйрөнүп калдым.

- Ошондой жакшы жигит болгун ээ? - Чоп эттире өөп коюп, - Эми чечинип келип отур, чоң атаңды чакыра кел, - деди жылмая.

- Макул, - Бекзат чуркап чыгып кетти.

- Балалык, чиркин балалык, ушундай бойдон жүрө берсек болот эле го, чоңойсоң түйшүккө белчеңден малынып, сүйүү деген балээси да эзип бүтөт экен, бул эмне деген азап? - Үстөлгө отура калды. Аңгыча үстөлгө тамактарын коюп даярдаганча Ашыраалы менен Бекзат келип орун алышты, тамактанып отурушканда баятан бери бир нерседен кыжаалат болуп отурган Ашыраалы шашып эшик чыр этээри менен эле туруп жөнөдү.

- Ата, мен ачайын, - деген Маринага кулак салбады.

- Отура бер, өзүм ачам, - Ашыраалы эшикти ача койсо Керим менен эки дөөдөй жигит экен, - Келгиле балдар, мага бир аз убакыт бергиле, - деп жиберди көрөөрү менен эле.

- Канча күттүк, үйдү бошот, өзүбүз сатабыз.

- Өзүм сатып акчаңарды берем, балдар, - Ашыраалы артын кылчактай карап акырын сүйлөдү, - Балдар укпасын, өзүм бүтүрөм.

- Ата, ал ким экен? - деген Марина чыга калып, - Сиздер кимге?

- Кызым, кире бер, жөн-жай жумуштап келген эле балдар, - деген Ашыраалы жашырганга аракет кылды.

- Атаңдын карызы бар, биз ошого келдик, - деп Керим Маринага карады.

- Канча карыз, эмнеге?

- Кызым, өзүм бүтүрөм…

- Качан бүтүрөсүң, үйүңдү сатабыз да карызды алып калганын өзүңө беребиз, - Маринага кайрылды, - Жүз миң бериш керек.

- Ата, анча акчаны эмнеге алып жүрөсүз? - Марина атасына таңгала карады, кыздын көзүндө ишенбөөчүлүк, ыза турду.

- Кызым, кечирип кой, ушундай болуп калды…

- Менин кассамда кырк миң сом бар, эртең алып берем, калганын дагы таап беребиз, - деди Марина Керимдерге карап.

- Макул, чоң кыз, сизге ишенебиз. Эртең өзүң баягы жерге алып барып бер, чал, калганына бир жума беребиз, андан узаса үстөк кошобуз, - деди да үчөө артка кайрылып кетишти.

Ашыраалы башын мыкчый ошол жерде туруп калды:

- Ата, сиз дагы эле карта ойноп жүрөсүзбү, уят эмеспи, азгырыкка ушул жашыңызда дагы кирип алганыңыз кантип болсун?

- Кечир кызым, шайтанга азгырылдым, - Ашыраалы мукактана жер карады.

- Болуптур ата, карыздан эптеп кутулабыз, мындан кийин ойнобоңуз, - деди Марина.

- Болду-болду кызым, экинчи ошол жакка баспайм.

- Жарайт, карызды ойлонолу.

- Шарипа эжеме барып келейин.

- Карыган кезде аны да кыйнайбызбы, ата?

- Антпесе болбойт кызым, жер бар эмеспи, ошону сатсакпы дейм да.

- Ошого эжем болоор бекен?

- Болот, мен айтам, - Ашыраалы өз бөлмөсүнө кирип жатып алды. Марина ачуусу канчалык келсе дагы атасына ашыкча эч нерсе дей алган жок. Эртеси эрте Ашыраалы айылына жөнөдү, Марина жумушуна кетти, жумушуна келгенден баштап көңүлү кирдеп капалуу отурду, аны адегенде Урмат көрүп:

- Марина, эмнеге капасың? - деди жанына келип.

- Эч нерсе болгон жок.

- Сен башкачасың, мындай эмес болчусуң.

- Урмат, мени аңдыганды коюп ишиңди кыла берчи, - Сиркеси суу көтөрбөй кагазга үңүлгөн бойдон жооп кылды.

- Марина, менден эч нерсе жашыра албайсың, Нурдин капа кылган го?

- Урмат, бул жерде Нурдиндин кандай тиешеси бар?

- Ким билет, жумуштан бирге кетесиңер, бирге түштөнүүгө барасыңар, балким бир нерсе дегендир, же сүйүүсүн тартуу кылгандыр?

- Урмат, менден башка сенин ишиң жокпу? - Марина жинденип тура калды, - Мени жайыма койчу!

- Койдум-койдум, силердин ишиңерге кийлигишпей эле коеюн, - Урмат ордуна отуруп калды, - Демек силер сүйүү романын баштаган экенсиңер да, - деп кыжырлуу жылмайды.

Ошол кезде Нурдин кирди.

- Марина, мага кирчи.

- Жарайт, азыр кирем, - деп Марина кыжаалат боло ыргылжың ордунан турду. Ал кирээри менен Нурдин тура калып:

- Отур, Марина, - деди да аны жаңы гана көрүп тургандай тигиле саамга карап туруп, - Марина, менин сунушумду ойлондуңбу? - деди.

- Кайсы?

- Сен эсиңден чыгарып салдыңбы?

- Айтыңызчы, эмне дедиңиз эле?

- Марина, мен сенин атаңдын алдына барып колуңду сурайын дебедим беле?

- Жо-ок! - Марина отурган жеринен тура калды.

- Эмне болду Марина, ушунчалык коркунучтуу адаммынбы?

- Жо-ок, - Марина андан көзүн ала кача жер карады.

- Марина, мен сени чын дилим менен жактырдым, сен эмнени кааласаң ошону аткарам, менин суроомду ойлонуп, таразалап көрчү, - Нурдин кыздын маңдайына келип көздөрүнө тике карады, - Айтчы, жүрөгүңдө башка бирөө барбы?

- Жок-жок, - Марина ушинткени менен көз алдында Урмат турду.

- Андай болсо эмнеге, Марина?

- Жөн эле, үйдө машакаттар болуп жатат.

- Кандай машакат?

- Өзүбүзчө, үйбүлөлүк нерсе, азыр менин эч нерсени ойлоого убактым жок, мени кыйнабаңызчы! - деди да кабинеттен чыгып кетти.

Нурдин үстөлдү адатынча бир муштап кала берди: "Сен менин колумдасың Марина, буйтай качам деп ойлонбо, менден көз ирмем да алыстай албайсың", - деп муштумун түйүп кыжыры келип көпкө отурду. Марина иш ордунда дагы кыжаалат болуп оңдуу иштей албады. Ошентип кагаздарын барактап жатканда Нурдиндин кабинетине Керим кирди. Ал Нурдиндин жансакчысы экенин билет.

- Таксыр, Ашыраалы карыздарын бере албай жатат, - деди Керим кирип эле.

- Кыстагыла, керек болсо үйүн саттырууга аргасыз кылгыла.

- Жарайт, таксыр.

- Аткар, жакшы иштей албай жатасыңар, мындан ары телефондон гана айтып тур, - деди Нурдин.

- Жарайт, таксыр.

- Бар бара бер! - деди эле Керим чыгып кетти.

Анын кандай кирсе ошондой бат чыкканын көргөн Марина ойлонуп калды: "Бул кайдан карта ойноп жүрөт, Нурдиндин жанында эле жүрчү эле, бул жерде бир сыр бар", - деп узата карап кала берди. Нурдин өзүнчө: "Демек, Марина айым, туюкка камалган экенсиң, акыры акча сурап мага келесиң, сунушумдан баш тартпай турган болосуң", - деп ойлонуп мыйыгынан жылмайып алып ишине киришти, бирок Марина анын сунуш кылган акчасынан дагы баш тартып коеоорун билген жок.

- Марина, - деди Урмат түшкө жакын.

- Эмне дагы?

- Ачууланбачы эми, жүрү түштөнүп келебиз.

- Кереги жок, үйбүлөлүү эркек менен менин ээрчишип жүргөнүм туура эмес, андан көрө Аселди чакырып ал.

- Марина, ал башка маселе, ал үйдөн эле тамактанып алат, биз болсо коллегабыз, эч ким жаман ойлобойт дагы, жүрчү эми бирдеме ичип келели, - Урмат Маринанын жанына келип бала кездеги бир көрүнүштү туурап, - Марина, жүрү кетелиби, бизди балдарыбыз күтүп жатат, биздин сейилибиз аяктады, - деп колун сунду.

- Жарайт чалым, балдарды күттүрбөй барса баралы, - Марина жарк эте күлүп эмелеги капалыктын бир чети жок, колун сунуп күлө карап ордунан турду.

- Мына-мына, эми өзүңө келдиң, - Урмат аны кол учунан кармай сыртка карай жетелеп жөнөдү, Марина ушул азыр Урматтын аялы бар экенин таптакыр эсинен чыгарып коюп кыз-жигиттей анын жетегинде жүрөгү толо кубаныч менен делбирей кетип жатты, экөө улам бирин карап коюп ылдый көздөй тепкич менен түшүп баратышты. Аларды жанынан өтүп бараткан секретарь кыз Роза көрүп оозун ача карап туруп ийинин куушура үстүгө көтөрүлдү. Ал эми ордуна отураары менен Нурдин чакырды:

- Марина телефонго жооп бербей жатат, ордундабы ал? - деди Роза көрүнөөрү менен Нурдин.

- Ал кетип калды.

- Урматчы?

- Экөө кетишти го?

- Кайда?

- Билбейм, - Роза ийинин куушуруп койду.

- Бара бер.

- Жарайт, Нурдин Арстанович, - Роза тез-тез басып чыгып кетти.

- Демек менин сезимим менен ойноп жаткан экенсиңер, силерди шашпа, - деп темир сейфин ачып дипломатка акча салды да Ашыраалынын үйүнө өзү жөнөдү, бирок үйдө эч ким жок эле, кайра кайтып Аселге жолукмак болуп үйүнө келди. Асел жаңы гана кетмек болуп Алима экөө сүйлөшүп турган.

- Ийи, эмне кылып жатасыңар? - деп Нурдин баш бакты.

- Отурабыз, - Алима анын кыртышы сүйбөй кабыл алды.

- Күйөөңдүн кайда жүргөнүн билбей жалгыз Темирланды ойлонуп жүргөн болсоң жаңыласың, - деди Нурдин Аселге, - Иштин баарын ойрондотуп коюп эч нерсе болбогондой отурасың.

- Эмне керек сага, мага эмне мынча асыласың?

- Эриңди бирөөгө тарттырып ийесиң дегим келип турат.

- Эмне, ким экен ал?

- Байка, мен сага ушакчы аял эмесмин, эчтекеден жок куру калып жүрбө, - деп коюп чыгып кетти.

Ошол убакта Аселдин телефонуна кат түштү, карай салса Темирлан экен: "Асел, сен мага кезик, баягы жерден күтөм", - дептир.

- Апа, апа, Темирлан кат жөнөтүптүр, ал мени жолугууга чакырыптыр, - деп Асел кубанычтуу апасын караганда Алиманын жүзү бозоруп кетти:

- Эмне дейт?

- Темирлан дейм.

- Асел! - Алима өктөм унчукту, - Мени энем десең унут аны, балким башка бирөөдүр, сени ойноткону жаткан чыгаар, абийирибиз кыл учунда турат, мен десең ага жооп дагы жазба, барба ага, уктуңбу?

- Апа-а, мен анын өлүү-тирүүсүн биле албай канча азап чектим, сен менин абалымды кандай ойлонбойсуң?

- Бас үнүңдү, ансыз дагы сенин айыңдан башымды көтөрө албай отурам, качан билинип абийирибиз төгүлөт деп коркуп жүргөндө, - Алима кызын жек көрө акырая карады.

- Эмне кылам анан, баары бир Урмат экөөбүз аял-күйөөдөй болуп жашаган жокпуз, эки бөлөк жатабыз, анын мага көңүлү да жок!

- Эмне дейсиң, ушул убакка чейинби?

- Ооба, биз таптакыр башкабыз, апа, - Асел ыйлап айтып берип жатты.

- Кандай болсо да мыйзамдуу аялысың, ал эч жакка барбайт, - Алима жүрөгү канай кызын ойлуу карады, - Муну башка эле бирөө жөнөтүп жаткандыр, жооп бербе, улам өчүрүп коюп жүр.

- Ким, ким жөнөтмөк эле, бул Темирлан эле, ал Нурдинден коркуп качып жүргөндүр, апа?

- Эмне болсо ошол болсун, ал сенден үмүтүн үзгөндөй болсун.

- Ма-акул, - деп дулдуя отуруп калды, кечке маал Урмат келип Аселди алып кетти, бир нече жолу кат түшүп телефондун званогу болсо да албай келе жаткан Аселге карап Урмат:

- Эмнеге телефонду албайсың, кат түштү го? - деди.

- Света келип көрүнүп кет деп чакырат, барбай койдум.

- Эмнеге барбайсың?

- Көңүлүм жок.

- Баланын абалын тез-тез көргөзүп турушуң керек, бала жакшы төрөлсө мен сөзсүз канын текшертемин, анан ошондо сени менен бир жаңсыл болом, сен ойлобо бала менен байлап калам деп, жебеген самсага пул төлөгөндөй…

- Урмат, азыр менин абалым жакшы эмес, атамдын күтүүсүз өлгөнү мени сары санаа кылып жаман болуп жүрөм, - деп ыйламсырай кетти.

- Болуптур, бышактаба, - деди Урмат, аңгыча кабат үйдүн алдына келип калышты, - Үйгө кире бер, мен машинаны токтотуп келейин.

- Ии-йи, - деген Асел подъездден кирип үстүнө көтөрүлдү. Көп өтпөй Урмат кирип өзү жаткан жерге жатмак болуп жатканда Асел, - Кардың токпу? - деди.

- Кардым ток, сен өзүң бирдеме жасап иче бер, - Ары карап жатып алды. Асел анын жанына отуруп алды.

- Урмат, мен сени сүйгөнүмдү ойлоп да койбодуң го?

- Кайдагы сүйүү, боюңда барын жашырыш үчүн амалданып жатасың, мен сенин балаңа ата боло албайм, Асел. Бар эс ал, мен эс алышым керек.

- Урмат, өткөндү эсиңе албай менин сүйүүмдү кабыл алчы?

- Асел дейм! - Урмат тура калды, - Тынчымды алба дедим го сага!

- Болуптур, - Асел ызалана туруп баратканда телефонуна дагы кат түштү, Асел унчукпай өз бөлмөсүнө кирип кетти, жанталашып катты ачып окуду да, кайра чалса өчүрүлгөн. Туталанып кайра-кайра чалса өчүрүлгөн, аргасыз жатып алып ыйлап жатты, ошондон кийин үч күн катары менен кат жөнөткөн Темирлан төртүнчү күнү Урматтын телефонуна кат жөнөттү. Ал ачып окуп таңгала жанындагы Аселге карады, ансыз дагы коркуп үрпөңдөй карап турган Асел:

- Кимден экен? - деди өзүн токтоо кармап.

- Темирлан, жолугушууга чакырыптыр.

- Эмнеге?

- Кайдан билем, ал жоголуп кетпеди беле?

- Урмат, барбай эле койчу, - Асел ага үрпөңдөй карады.

- Эмнеге барбайм, жолугуп коеюн.

- Барбай эле кой, анын сенде эмне жумушу бар экен?

- Өзүм билем, балким айта турган сөзү бардыр.

- Ага барсаң мен дагы барам.

- Эмнеге, мени чакырып жатат ал, - Урмат чыгып кетти, ал кетээри менен Асел апасына чалды, ал үйгө кел деди эле шашыла жөнөдү, кирээри менен эле Алима ачуулуу карады.

- Дагы эмнени бүлдүрдүң, тынч жашай албай калдык го?

- Апа, Темирлан эртең кечке маал алтыга Урматты чакырыптыр, эми эмне кылабыз?

- Жүрү тез, Нурдинге баралы, - деп экөө Нурдиндин офисине келишти, аларды көргөн Нурдин унчуккан жок.

- Келипсиңер эне-бала?

- Нурдин, бири-бирибизди кекеткенден эч нерсе чыкпайт, Темирлан Урматка жолукмак болуп чакырып жатат, бир жолун тап.

- Эмне, ал сандырак качан пайда болду? - Алима менен Аселди жеп жиберчүдөй жанына келди, - Качан чалып жүрөт?

- Үч күндөн бери кат жөнөткөнүнөн мен жооп кылган эмесмин, - Асел күнөөлүүдөй жер карады.

- Эмнеге ушуга чейин айтпадың?

- Үмүтү үзүлсө тынчып калаар деп ойлогомун.

- Бара бергиле, мен аны жердин түбүнөн болсо да таптырам, - Нурдин кыжына аркы-терки басып жатып Ормонго чалды, ал тез эле келди, - Сен Темирланды өлтүрдүң беле?

- Ооба таксыр, аны көмүп койгомун.

- Жүрү көрүп келели, - Нурдин кабинеттен шашыла чыкты, - Эгерде ошону тирүү калтырган болсоң өзүңдү жайлайм, - деди кекете, машинасына отургандан кийин.

- Таксыр, өлгөн-өлбөгөнүн билбейм, бирок эсин оодара чаап көмүп койгомун.

- Кө-өрө-өбүз, - деп Нурдин ачуусун кимден чыгараарын билбей баратты. Дачанын ичиндеги калың бактын ичиндеги Темирланды көмгөн жерге келсе эчтеке жок болуп чыкты, - Жакшылап эле өлтүрбөйт белең, эми ал экөөбүзгө айгак болот, тез арада таап көзүн тазалагын!

- Жарайт таксыр, издеп тапканга аракет кылам.

- Аракет кылба, тап тезинен! - деп бакырды Нурдин.

- Жарайт таксыр, сөзсүз табам, - деп бүжүрөдү Ормон. Экөө кайра шаарга келип Нурдин кабинетине киргенден кийин дагы жаны жай албай жатты, эртеси ошол эле бакка Урмат менен Асел келип күтүп жатканда Нурдин менен Керим аларды алыстан акмалап турушту, Нурдин Аселди көрүп ого бетер жинденип алды:

- Тиги шуркуя эмнеге келди, колум гана барбайт да, мууздап салаар элем.

- Кабатыр болбоңуз, аларды жолуктурбайбыз, - деп Керим аны жубатты, кечке чейин күтүшсө дагы Темирлан келбеди, акыры үй-үйлөрүнө кетип жатканда Нурдиндин телефонуна кат келди: "Мен сенден коркпойм, Нурдин", - дептир. Андан кийин Урматка да кат келди: "Эмнеге Нурдиндерди ала келдиң, же корктуңбу?" Аны окууру менен Урмат Аселге кайрылды:

- Сен эмне, Нурдинге айттың беле?

- Жо-ок, эмне болду?

- Бул жерде Нурдиндер дагы болгон экен.

- Эмнеге келди экен, мен ага эч нерсе айткан эмесмин.

- Асел, сен менден көп сырды жашырып жатасың, - Урмат ага жийиркеничтүү карады, - Сенде бир сыр бар.

- Эмне сыр болмок эле? - Асел көзүн ала качты.

- Болуптур, акыры ачылат да, - деп Аселди жанына отургузуп коюп эки жакты көпкө карап туруп анан машинасын жылдырды. Экөө үйүнө келип да оңдуу сүйлөшө албады, алардын жашоосунда өзгөрүүлөр болуп эки жакка бөлүнөөрүнө аз калган эле.

Нурдин канчалык издеткен менен Темирландын иги-жиги билинбей жатты, ал өзүнүн жанындагы адамдан өзүнө жоо болоорун сезген жок, Ашыраалынын үйүнө атайын келди да бир дипломат акчаны сунуштап жардам бергени келгенин айтканда Ашыраалы.

- Жок Нурдин, сага рахмат, Марина мындайды укпасын, өзүбүз кутулабыз, - деди.

- Эмнеге, мен сиздерге чын пейлимден жардам берейин дедим эле.

- Болбойт, айылда үй, жер бар, буйруса сатып келет, - деп Ашыраалы болбой койду.

- Өзүңүз билиңиз, - деп Нурдин аларга жини келе кайтып кетти.

Марина жумуштан келип Нурдин келгенин, болгон сөздөрдү угуп алып жини келе Нурдинге чалды.

- Нурдин, биздин үйбүлө андайды жаман көрөбүз, кыскасы биздин үстүбүздөн күлгөн адамды биз жек көрөбүз, биз иш боюнча гана сүйлөшүүбүз керек, - деп телефонун дароо өчүрүп салды. Нурдин ошол замат Керимди чакырды да сүйлөшүп бир жакка жумшады.

Ошондон үч күн өтпөй Ашыраалынын эжеси Шарипа жетип келди, аны көрүп кубанычтуу тосуп алышты, эс алгандан кийин:

- Ашыке, ата сакалы оозуңа бүтүп, пайгамбар жашына келгениңде балдарды кыйнаганың туура эмес, үй-жайдын баары өрттөнүп кетти, эми сенин карызыңды кандай кылып төлөп беребиз? - деди үшкүрүнө.

- Эмне болуп өрттөндү, эже? - Марина эжесин үрпөйө карады.

- Билбейм, мен сыртта жүргөн элем, үйдүн артынан дүпүлдөгөн үн чыкканынан мал-сал келдиби деп ойлоп чыккамын, көзгө сайса көрүнгүс караңгы, бир кезде чатырдан өрт чыкты, коңшулар чогулуп келгенче күйүп бүтүп калды, - деди Шарипа.

- Эми эмне кылабыз? - Ашыраалы дендароо болуп отуруп калды.

- Билбейм, билбейм, Ашыке.

Баары тең сары санаа болуп отуруп калышты. Марина өз ичинен үйдү сатып, калган акчасына эптеп үстүлөрүнө калканч болчу там алып жашоону улантууну ойлонуп жатты…

Урматтын телефонуна кайра-кайра Темирландан кат келе берди, кайра чалса өчүрүлгөн болот. Бир жолу Аселге чалганда Урмат тыңшап турду эле.

- Кудай жалгагыр, сүйлөчү Темка, менин эзилгенимди кайдан түшүнбөйсүң, үнүңдү чыгарып койчу, кайда экениңди айтчы, бай болгур? - деп какшанганын угуп алган Урмат жини келип: "Демек балаңдын атасы Темирлан экен да", - деди ичинен кекенип. Ошол күнү Урмат кайра-кайра чалды эле Асел жарылып кете жаздады, үйүнө келсе оорудум деп жатып алган экен.

- Эмне болду сага? - деди билмексен болуп.

- Ооруп жатам.

- Балким себеби бардыр?

- Оорунун да себеби болот беле, Урмат мени мазактабачы.

- Деги да, телефонуңа тез-тез кат түшө баштады…

- Койчу Урмат, ансыз дагы сүйүүм жоопсуз калып эзилип бүттүм.

- Курсактагы балаңдын атасы үчүн эзилип жүрбө?

- Эмне дедиң Урмат?! Бул мазагың мени өлтүрүп тынаар, - деп тескери карап чүмкөнүп жатып алды.

Урмат андан кийин унчукпай ордуна жатып алды, ошол бойдон күнүнө бир маал Аселге чалып сөзүн угуп диктофонго жаздырып жүрө берди. Нурдин ишине анча көңүл бурбай эси-дартынын баары Маринада болуп, бирок анын жүрөгүнө жылуулук бере албаганга жинденип жүрдү. Марина ага баштакыдай эле жумуш жөнүндө сүйлөшүп, кирип-чыгып жүрөт, акыркы күндөрү бир аз санааркап жүргөндөй болгонун сезип Нурдин аны телефондон ресторанга чакырды. Марина кыйылып туруп макул болду. үйдү саталбай, аларман чыкса арзанга сурап, эмне кылаарын билбей: "Нурдиндин кеңешчиси болууга макул болсом окшойт, айлык акым дагы жогору болмок, карызды кутулбасак келээрки жекшембиде келет, балким атама зыян кылып коюшаар, андан көрө иштеше бергеним абзел", - деп чечкен эле. Бирок ал Нурдинден чечкиндүү сунуш күткөн эмес, элеңдей карап такси менен айткан ресторанга келсе ал барпайган гвоздика гүлүн алып күтүп туруптур.

- Бул гүл сизге, Марина айым, - Нурдин ийиле гүлдү сунду, - Келишиңди урмат кыла кабыл алам.

- Рахмат, сизге таңгалып турам, - деди Марина.

- Марина, сен билмексен болсоң да, кабыл албасаң дагы мен сага өз сунушумду, сүйүүмдү жеткирүүгө акылуумун, кел отур, - деп отургучту тартып кичипейилдик менен отуруусун өтүндү.

- Рахмат, - Марина оңтойсуздана отурду.

- Марина, менин сага деген жүрөгүмдөн чыккан сүйүүмдүн белгисин көрсөткүм келет, - деп Нурдин төш чөнтөгүнөн кутуча алып чыкты, - Ушуну колуңа салууга уруксат бер?! - деп ордунан туруп Маринанын жанына келип тизе бүгө колун сунганда ресторандын музыкасы шаңдуу ойнолуп жан-жагында отургандар кол чаап жиберишти, Марина эмне кылаарын билбей эки жагын карана эки бети кызара ордунан турду, бир жагы мындай улуу адамды убара кылуу, ушунча элдин ичинде сындырууга дити барбай акырын колун сунду. Нурдин анын колуна шакекти салаары менен отургандардын бир тобу тегеректеп калды, булар атайын Нурдин алып келген достору эле.

- Азамат Нурдин, ээн талаанын кушун колуңа кондурупсуң!

- Бактылуу болгула!

- Нурдин, Марина, бактылуу болгула! - дешип бокалдарын кагыштырып, Маринага бири вино куюлган бокалды карматты. Аңгыча буйрук берилген тамактар үстөл үстүнө толду, баары жабыла орун алышып отургандан кийин официанттар тейлеп жатты, кечке маал гана ресторандан чыгып экөө жолдо келе жатышты.

- Нурдин, бул кылганың туура эмес, - деди Марина ага кайрыла.

- Эң туура Марина, мен сүйүүмдү катып отура албайм, үйлөнүүгө убакыт да жетти, мурда эч качан мындай сезимге кабылган эмесмин. Сени мен башкача жакшы көрөм, Марина, сен менден качпачы, менин өмүрлүк жарым бол, эртең эле атаңа барып колуңду сурайын, - деп жалдырай карады Нурдин.

- Жо-ок, азыр эмес, мен ойлоноюнчу.

- Ойлоноюн дегениңе көп болду, сен шылтоо кылып качып жатасың.

- Жо-жок, мени бүгүн жаман абалга калтырдың, мынчалык болбошу керек эле, эми убакыт бер, - деп Марина жер карады.

- Макул, иши кылса сен мендик болсоң болду.

- Биз эмес, убакыт жеңээр…

- Туура, убакыт көрсөтөөр, мен сен макул болгончо өмүр бою күтүүгө кайылмын. - Нурдин Маринаны үйүнө жеткирип кайтты, жолдо келе жатып Керимге чалды, - Керим, сен азыр баргын дагы карызды кечкениңди айткын, болбосо мен берген акчаны аларга билгизбей берип жибергин, - деди да телефонун өчүрдү. Ал алды жагында жыландай сойлоп өзүн көздөй келе жаткан суук кабарды билбеди. Керим Нурдиндин карызын кечкенине жини келип өзү арыз жазып туруп милицияга берип койду…

Урмат ошол күнү Аселге кат жөнөттү: "Мен сени чыдамсыздык менен күтөм, мени эч ким билбеш керек, өзүң тоодогу үйгө келип кал, кол кармашып алып бул шаарды түбөлүккө таштап качып кетебиз, кечке маал саат беште ошол жерде бол", - деп кайра өчүрүп койду да үйүнө келди, келсе Асел ваннада экен, чыгып келе жатып Урматты көрүп эле тилден кала жалдырап туруп калды. Урмат эчтеке билбегендей ашканага кирди, карды ток болсо да газга коюп кофе даярдап атайын конок бөлмөгө келип телевизорду коюп отуруп алды, эки көзүнүн кыйыгы Аселде, ал кыйпычылыктап бир жакка бара тургандай кирип-чыгып жатты, көптөн кийин Урмат:

- Сен бир жакка барасыңбы? - деди.

- Апам келип кет деди, адвокат үйдү бошотуп Гүлнурга өткөрүп бер деп жатыптыр, - деди үнү дирилдей, - Апам Гүлнур менен турмак болуптур.

- Бара бер, - деп койду да ал чыгаары менен дагы убакыттын бар экенин карап көрүп кофени ичип бүтүп анан чыкты, анын алдынан Марина чыга калды.

- Кандай, Марина? - Урмат көңүлсүз үн катты, - Эмне болду, акча таптыңарбы?

- Ооба, баары бүттү.

- Жакшы болуптур, эми кайда жөнөдүң?

- Нурдин чакырыптыр, - Марина сүйлөгүсү келбей басып баратты.

- Кийинки кезде Нурдин экөөң ажырабай калдыңар го?

- Жакында үйлөнөбүз.

- Койчу, кантип, Марина? - дегенде Марина токтой калды, - Өкүнүп калба, Марина, Нурдин абдан начар киши, сенден бир топ улуу, баш тартышың керек, Марина!

- Жок Урмат, Нурдин абдан жакшы адам, ал мени сүйөт, - деди да, - Бүрсүгүнү тойго кел! - деп коюп тез басып кетип калды.

Урмат бир азга селдейе туруп анан өз жолуна түштү: "Жо-ок Марина, сен эч качан Нурдиндики болбойсуң, меники гана болушуң керек", - деп Аселди чакырган дачага жөнөдү, бактын ичине машинасын калтырды да ичкери кирип күтүп жатты.

Бир кезде Асел шашыла жетип таксиден түштү да дачанын эшигине жетти:

- Темиш, ач эшикти, ач эшикти, мен келдим! - дабыш чыкпагандан соң ургулап жатты, - Темиш, сенин дайныңды билбей канча азап тартканымды билбейсиң! - деп ыйлап ийгенде Урмат үнүн өзгөртүп:

- Сен өзүң келдиңби, же Нурдинге кармап бергени келдиңби?

- Жок-жок, Темиш, эч ким жок, өзүм элемин, сагындым сени, тезирээк аччы! - дегенде эшикти ачып жиберип каалганын артында жашынып калды, Асел жүгүрүп бөлмөлөрдү кыдырып таба албай келе жатып эки колун бооруна коюп карап турган Урматты көрүп чоочуп кетти:

- Урма-ат! - Оозун баса калды.

- Күткөн жок белең? - Урмат кыжырлуу жылмайды.

- Урмат, мени кечир, жаңылыштыгымды кечир!

- Эми мени менен калам деп үмүт кылба, оюнду жакшы койдуң, колу-жолуң бош, эми балаңдын атасы Темирланды издеп таап алууңа болот! - деди да Урмат бөлмөдөн чыгып кетти, Асел кыйкырып боздогон бойдон кала берди. Кылчайбастан машинасына отурган Урмат дароо Маринанын телефонуна чалды, - Ало Марина, менин сага айта турган жаңылыгым бар, азыр сөзсүз жолугушубуз керек. Ооба, экөөбүз үчүн эң орчундуу, маанилүү. Ооба, баягы жерде бол, мен барып калам, - деди да телефонду өчүрүп кубанычтуу жылмайып алып чоң жолдо зымырай кетип жатты.

Марина аны күтүп турган:

- Эмне болду, кандай жаңылык? - деди аны көрүп эле Марина.

- Жай отуруп сүйлөшөлү, - Урмат анын ийинине колун артып отургучка отургузуп өзү анын маңдайына тизелей отурду да баарын айтып берди, - Ошентип ал мени жөн гана күйөө кылып алгысы келиптир, Марина. Биз алты айдан бери закондуу жубай болгонубуз менен жатагыбыз башка болду, акыры анын сырын ачтым. Бирок башкалар билүүсү керек эмес, энеси менен Нурдин башынан билет. Гүлнурга боорум ооруйт, бузукуну колтугуна катып жүргөн, көрсө Арстанбек ага ошонусу үчүн үйүн да, эки кызы чоңойгончо деп акча таштаган тура, - деп Урмат Маринаны күлө карады, - Эми биз эркинбиз, Марина, мен сени гана сүйөм, сенсиз жашай албайм! - Бооруна кысты.

- Урмат, мен дагы сени сүйөм, бирок…

- Эч коркпо, бизге эч ким жолтоо боло албайт.

- Билбейм, атамдар каршы болушат го, алар Асел экөөңөрдү мен бузгандай көрөт да.

- Керек болсо ачык айтабыз, Аселдин кандай кыз экенин билип алышсын.

- Жок-жок, андай кылба.

- Неге, биз өзүбүздү коргошубуз керек, Марина, - Урмат Маринаны ынандыра албай көпкө ары-бери айтып эки бөлүндү. Марина өзүнчө толкунданып кубанганы менен Нурдинден чоочулап турду: "Бакыттын адам баласына келиши да оңой эмес тура, деги баары жакшы бүтсө экен, кудайым тилегимди берип өзүм каалаган адамыма кошулайын", - деп ойлуу үйүнө келди. Атасы кубана ага кирээри менен:

- Кызым, Керим келип карыз эмессиң дейт, атайлап эле тамашалашкан тура, мени карта ойнобосун дешиптир, - деди.

- Ошондой дедиби? - Ишенкиребей карады.

- Ооба кызым, ошондой болду, - деп Шарипа ырастады.

Нурдин кабинетинде отурса сырттан үндөр угулуп калды, булар көңүлдүү жумушка келе жатышкан Урмат менен Марина болчу, алардын үнүн угуп эшикке чыга калса экөө кол кармашып алыптыр. Ичи кайнап чыкты. Ушу күнгө чейинки убарасына туттугуп, төш чөнтөгүндө ар дайым жүрчү пистолетти алды да Урматты мээлеп атып жиберди. Ал эси оой, эмне болуп кеткенине көзү жетпей жыгылып баратты.

- Нурди-ин, бул эмне кылганың? - деп Марина аны бир карады да, Урматты басып калды, - Урмат, көзүңдү ач, Урмат!

- Сен меники гана болушуң керек! - деп Нурдин Маринаны колунан тартып жетелегенде ал колун силкип жиберди.

- Мен эч качан сага сөз берген эмесмин, бербейм дагы, сенин ордуң түрмөдө!

- Жо-ок, сени алып көз көрбөгөн жакка кетемин, - Болбой эле жулкулдатып сүйрөй баштаганда ылдыйтан топураган милициялар келип калышты:

- Сиз кармалдыңыз, мындан башка дагы күнөөлөрүңүз үчүн, - дегенде Нурдин пистолетти аларга кезегенде жерде жарадар болуп жаткан Урмат аны бутка күч менен тээп жиберди эле ал көмкөрөсүнөн жыгылганда колундагы пистолет ыргып кетти. Марина Урматтын башын жөлөп алып ыйлап турганда тез жардамдын адамдары алып кетти, Марина ооруканага кошо барды. Кабырганы жаный өткөн октон бир аз эле жабыркаган Урмат баш көтөрүп калды. Күндө Калима келгенде баласынын жанында жүргөн Маринага жини келип Аселди жанына таштамак болгондо Урмат апасын жактыра бербей:

- Апа, Асел үйдө болсун, кереги жок, - деди.

- Мейли, ал төрөгөнү турат, кыйналып калат, - деп апасы чыгып кетти.

Ошентип эки жаш үмүттөрү жанып ооруканадан чыкканча кездешип турушту. Турмушта күтүлбөгөн нерселер болуп тураары мыйзам ченелүү иш эмеспи, булардын тагдыры кандай болоору али белгисиз, бирок экөө кандай тоскоолдук болсо дагы туруштук берип каршы турууга бири-бирине сөз берип, эч качан ажырашпоого антташышты. Эки жаштын тилегин берсин дегенден башка сөзүбүз жок эмеспи, окурман!

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз