Айгүл ШАРШЕН


"Таштанды наристе"


Сатардын өмүрүндө бир шумдуктуудай иш болуп өттү, шумдук эмей эмне, жай турмушта беш баласын багып бейкапар жашоо өткөрүп жатканда эшигинин алдына балканактай уулду жалаң көйнөккө ороп таштап кетсе… Сатардын аялы алкынган, кылдан кыйкым таап колу-коңшусу болобу, кайын журту болобу же эри болобу оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып урушуп айылга жек көрүндү болгон аял. Эки уул, үч кызы бар, балдары атасын тартканбы акыл-эстүү, айткан сөздү илгиртпей аткарган илбериңки тартиптүү. Эң улуусу кыз, он алтыга чыгып базарга чыкмак болуп эл катары кол арага жарап калган. Чынара, Венера, Замира үчөө удаа, Жамалбек, Шамалбек кичүүсү. Батийна илмийип өзү арык, териси таар, бирөөнүн жакшылыгына ичи күйүп-бышып айылында той-топура болсо эле болду Сатардын кулак мээсин жегенден тажабайт. Бул жолу да Жолдубайдын келин тою болгону жатканын угуп эшиктен күңкүлдөп кирди:

- Дегеле жарыбаганга пешенем туш болуп эл катары жашабадым, качан болсо карандай чай менен какшып отурабыз, элди кара, күркүл болуп эле аш-той берип чардап жатышат.

- Батиш, эми той берсе берет да, балдар чоңоюп калды, биз дагы көрөөрбүз, - Сатар күнөөлүүдөй күңкүлдөдү.

- Ооба, жыргатаар ошолоруң, колуңда кокон тыйыны жок туруп балдарыңдан үмүт кылганыңды кара, элдей болуп окутуп-чокутпасаң кантип адам болсун? - Күйөөсүн акшыя карады.

- Балдардын келечеги бар да, эмнеге үмүт кылбайм, элдин баары базарда, иштешет өздөрү, бизди дагы багат, - деди Сатар камырабай.

- Койчу ай, дегеле ой-санааң жок акмаксың, намысың жок да, кыймылдап бир оокат кылайын деген түрүң жок, - Батийна күйөөсүн баласындай кагып силке булкуна казан-аягын калдыратып жатты. Улуусу Чынара апасынын сөзүнө жини келгени менен каяша айтып же ашыкча сүйлөөчү эмес, азыр атасын кагып-силкип жатканына чыдабай кетти:

- Апа, атамды кажый бергенде эмне, биз чоңойдук, иштеп табабыз. Жамалбек менен Шамалбек чоңойгуча силерди карап турабыз Венера экөөбүз каникулда пирожки жасап сатабыз, сабакка баргыча өз кийимибизди камдап алабыз, - деди кабак бүркөй.


- Кыйратасыңар, атаңарга кошулуп оюңар менен байып отура бергиле, - деп эшикке чыгып кетти.

- Кызым, апаңа айткан-айтпаганда баары бир, үндөбөй эле кой, анын кыял-жоругуна өмүр бою чыдап келе жатпайынбы, - деп Сатар шуу үшкүрүнө кыңкая кетти. Чынара унчуккан жок, эртеси өзү барып дүкөнү бар коңшусунан бир литр май, эки кил ун, картошка, пияз алып келди да айыл ичиндеги анча-мынча колунда барлар жеңил машина менен шаарга, районго катташат, күнүмдүк оокат табуу үчүн таксисттер турган жерге ар ким колунан келгенин алып чыгып сатмай, семичка менен майда баратты коюп алып керээлден кечке саргайып отурмай, бирин-экин дүкөн ачып алгандар да бар. Чынара ошолордун катарынан орун алды, адеген күнү аны өгөйлөп кызгангандары да болду, пендем ай, бири-бирин көрө албай, жок болуп мөгдүрөп калса сынтагып, аларды сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып кемсинтишкенин кантесиң. Чынара тыңдыгынан сүйлөгөндөргө кеп кайрыбай, эжекелеп күлө багып, жаракөрлүгү менен көнүшүп кетти, анын пирожкиси күндөн-күнгө жакшы өтүп коңшусунан алган карызын берип нак акчага ала баштады. Батийна ишенбей кекетип мокотуп жүргөндө Чынара:

- Апа, бул акчага атам экөөңөр бирдеме алып алгыла, кийинкисин биз өзүбүзгө кийим алалы, - деп эки миң сом бергенде ал ишенип ишенбей:

- Ошончо таап ийдиңби, жакшы болгон тура, - деди акчаны колуна алып.

- Буйруса жакшы апа, ишемби күнкү чоң базарга жүз пирожки алып чыгам, окуу башталганча иштесем бир топ акча жыйнайм.

- Мейли, мен дагы силерге жардам берейин кызым, - Батийна ыраазы боло кызын бооруна кысты, - Эмки ишембиде Венераны да чыгаралы ээ?

- Ооба апа, соодага көнүп кетсек үйдү да оңдоп алабыз, биз үчөөбүз тең чыгабыз, Замирага семичке алып берем, сиз бозо сатыңыз, бат эле бутка турабыз.

- Мына, кызым туура айтат, силерге мен отун даярдап берейин, - Сатар аялы менен кызын кудуңдай карады.

- Ошент, баарыбыз киришели, эл катары биз дагы соода жасап жашообузду оңдобосок болбойт, балдар минтип аракет кылып жатканда, - Батийна сүйүнүчтүү эми эле колуна боо-боо кызыл жашыл акчалар толуп калгансып күйөөсү менен кызын үмүттүү карап эмгектенүүнүн үзүрү көз алдына элестеп турду. Айткандай эле чогулуп иш кыла баштады, Батийна өзү бозо сала баштады, Чынара пирожки жасайт, Венера күндө семичке сатат балдары менен Сатар үйдөн жардам берип бири-бирин колдоп катуу ишке киришти.

Ошентип үйбүлөсү менен жапа-тырмак киришип күзгө чейин бир топ акча жыйнап алышты, мектепке барчуларына кызыл жабар кылып, окууга киргенде жылдагыдан тың кийинип барып көңүлдөрү көтөрүлүп эң кичүүсү Шамалбекке да жаңы кийим сатып берди. Чынара сооданы токтотуп койгон жок, сабактан келгиче апасы камыр жууруп коет, келээри менен шымалана бышырып алып кеч күүгүмгө чейин сатат. Балалык дооруна дал ушул базар экономикасы туш келип чыйрак кыздар ата-энесинин колуна кол, бутуна бут болуп эки жылдын ичинде ирденип майда жандык курап, үй ичин да оңдоого жетишишти. Чынара мектепти бүткөндөн кийин кайрадан киришип эми чоң соодага киришүү үчүн акча топтоп жаткан, бир күнү Сатар кеч күүгүмдө эшикке чыгып келе жатып кыйрайган короосунан бир караан чыгып баратканын көрүп: "Ууру-кески болуп жүрбөсүн, төрт жандыгымды уурдатып ийбейин, көз салып калган го бирөө жарым", - деген ойдо басып барып короонун керешкесин бекитип кайра үйүнө келе жатып эшигинин арт жагында жаткан карайган нерсеге көзү түштү, акырын басып барса эскилиги жеткен төшөккө оролгон наристе чукуранып ооздорун сары ооз балапанча ачып кыймылдап жаткан экен. Таңгалган Сатар эңкейе калып төшөктү ача койсо али киндиги түшө элек балканактай жылаңач наристе, жанына шыйпаңдай басып келген карала деген итин ары карай "кет", - деп коюп үйгө карай үн салды:

- Батийна, Батийна бери чыкчы!

- Эмне болуп кетти? - Батийна босогодон баш чыгара суроолуу ормойду, - Деги тынччылыкпы?

- Бери карачы, каалганын артына бала таштап кетиптир!

- Ким?

- Кайдан билем, мен үйдөн чыкканда короодон бир караан чыгып жүгүрүп кеткен, ууруларбы дедим эле, - Сатар ага көргөнүн айтып жатканда Батийна келип көрүп үнсүз карап эси оогондой тура берди, - Эми эмне кылабыз ыя?

- Билбейм, - Экөө бири-бирин ийин куушура карап туруп калышканда үйдөн Венера менен Замира чыгып калды.

- Бул кимдин баласы, апа?

- Билбейм.

- Эмнеси болсо дагы үйгө киргизеличи, бечаранын туулганына эки-үч күндөй эле болгон го, киндиги да түшө элек экен, бирок доктурга төрөгөн го? Сатар аялына бир карап эңкейди да наристени көтөрүп алып үйгө карай басканда Батийна:

- Сатар, коңшуларга айтып көрбөйлүбү ыя? - деди.

- Эмнеге?

- Таштап кетиптир дебейлиби?

- Эртең деле айтасың, участковойго алып барабыз. - Сатар кенебей үйгө кирип кетти, балдарынын баары тегеректеп калышты.

- Ай-ий, көзүн ача элек го апа? - Шамалбеги үңүлө карап тарбалаңдаган наристенин колдорун кармалап жатты.

- Аты ким экен? - Жамалбек маңыроо сурап койду.

- Ой балам ай, бул бечарадан кутулгусу келип жылаңач таштаган энеси кайдан ат койсун, бүгүн эле төрөлгөн го? - Сатар кейий үн катты. Батийна бир нерсени эстей калып баланы ачып суу даярдатып жуунтуп киндигин бекем байлап таңды да катып койгон баласынын кийимдерин алып келип кийгизип ороп-чулгап койгондо наристе болпоюп оозун кыйшаңдата эмчек издегендей кайсаңдап жатты. Батийна үйдө сүт жогунан кашык менен чайдан кашыктап ичирип койду эле канагаттана көшүлүп уктап калды.

- Ким таштады капырай, бала бакканга шартыбыз деле жок, өзүбүз эми кичине оңолуп келе жатканда бул дагы түйшүк, - Батийна кейий сүйлөгөндө Сатар ага ормое карады.

- Баланын ырыскысы өзүндө да, кудай талаа бир токтуну жаратып аны жашасын деп бир түп шыбакты кошо өстүрөт экен, ар бир нерсенин өз насиби бар, кейибе байбиче.

- Эртең милицияга алып барып айтып көрсөтүп доктурларга дагы көрсөтөлү, оорусу жокпу мурун ким билет?

- Наристеде не айып байбиче.

- Ошентсе да.

- Эртең коңшу-колоң дагы билет, баланын зыяны тийбейт байбиче, үйүбүзгө баш кирип отурат, ушу бала бизге кут алып келиши мүмкүн, кесир кылбайлы, кокус уруксат берсе багып эле алалы, Чынара болсо үйдө болуп калды, Венера менен Замира жардам берсе иштей беришет, сен баланын сүт-пүтүн даярдап берип ишиңе бара бересиң эки уулум болуп бага беребиз.

- Эмне деп жатасың ай, кереги жок, өз балдарыбызды зорго багып жатканда жүдөп-какап азап тарткым жок!

- Макул-макул, эртең көрөбүз, али көзүн ача элек наристени тынчыраак кабыл алалы, бейкүнөө наристеде не айып, көзүн ачпай жатып эне жытын искебей, эне сүтүн оозанбай минтип ара жолдо калганын карабайсыңбы? - деп мемирей эч нерседен капарсыз уктап жаткан наристени карап ойлуу телмирди, - Жоош боло турган бечара.

- Жо-ош болобу, кандай болсо да бага турганга берип коелу.

- Таң атсынчы эми.

- Апа, багып эле алалычы.

- Сен багасыңбы? - Батийна Жамалбекти алая карады.

- Багабыз да, - Шамалбек култуңдап койду.

- Багып эле алалычы, - Жамалбек инисин коштоду.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, мынча таштаган неме бизди билет, мээнет кылып багып койсок эртең эле чыга калат, ошондо ичимди тызылдатып отурамбы?

- Аны да көрөөрбүз, жарыктыкка жаңы келген наристеге жаман ойду ойлобой жакшы сөз менен кулагына атын айтып азан чакырталы балдарым, - Сатар эки уулун карады, Чынара, Венера, Замиралар үндөбөгөнү менен баланы жакшы көрүп турганы же каалабаганы белгисиз отура беришти. Ар кимиси ар кандай сүйлөп жатып акыры орун салып өз-өз орундарына жатып калышты. Эртеси Сатар менен Батийна баланы ороп алышып адегенде участковыйдын кеңсесине келишти. Участковый баланы көрүп Сатарга түшүнүк кат жаздырып алып балдар врачына алып барып наристенин денсоолугун текшеришти, андан кийин кайра кеңсеге келип кайра-кайра сураштырып жатып андан кийин Сатардын суранганынан улам үйүнө кетирди, ошентип үч-төрт күн сурамжылап, айылдагы боюнда бар келиндерди изилдеп көрүп иги-жигин табышпай акыры Сатарларга баланы багып алууга бермек болушту, документтерин даярдап өз атына жаздырып күбөлүк жаздырып алышты да бала менен алышып калышты. Айрыкча Сатар колунан түшүрбөйт, баланын болжуурандай аппактыгы, кашы кара, көзү бакыракай наристеге Сатардын мээри түшкөнү менен Батийна салкын болуп аргасыз эле карап жүрүп эптеп чоңоюп жатты. Билинбей күндөр өтүп күркүрөгөн күз, кычыраган кыш келди, андан жашыл ыраң тонун жамынып жаз келди, Бакбергендин жөрмөлөп, кыял-жоругу чыгып сүйкүмдүү болуп, үйдүн эрмеги болгон кези. Жамалбек жакшы көрөт, кыздары анча көңүл бурбайт, керээлден кечке базарда, кечинде келип эртеңкиге даярдап коюп уктаганга киришет, Батийна бозосун кайнатып андан бетер колу бошобойт, Сатар эки уулу менен Бакбергенди карап багышат. Убакыт деген билинбей жылып өтүп эки жаш болуп тамтаңдап басып калганда Чынаранын тыңына карап өз айылынан эле бир жигит ала качып кетти, бир аз тирденип калган Сатардын кудалары ачуу басаарын алып келгенде жакшы тосуп алышып сыйлап узатты. Венерасы мектепти бүтүп Чынаранын ордун басып базардагы ордуна чыгып калды. Үч кызы удаа бой жетип, Батийнанын какшанган кара жаактыгына карабай иштемкор, оокатка тың дешип аларды дагы ошол эле айылдын жигиттери ала качып бакыйган үйбүлөгө айланып малдуу-алдуу болуп Батийнанын кайкалап калган учуру. Ал Бакбергенге мээримин төгө албады, жашоодо тузу кемибеген пенде барбы, ортончусу Венера эки балалуу болгондо күйөөсү өлүп калып келип алган. Бакберген жетиге чыгып чакылдаган бала болуп калган, бир күнү эшикте ойноп жүргөн Жакшылык чыр этип ыйлап калды, Венера жүгүрүп чыгып эле Бакбергенди жонго дүңк эттире муштап ийди:

- Өлүп кеткен айбан, баланы карабай кайда жүрөсүң ыя, же сен урдуңбу шүмшүк?!

- Өзү жыгылып кетпедиби, - Башын калкалай ары качты Бакберген, - Мен тийген жокмун.

- Көзүңдү оюп кое электе карап тур, өлтүрүп коем.

- Ооба, карап турам, - Мурдун шор эттире тартып алды да Жакшылыкты колдон алды, - Жүрү ойнотом.

- Апий, - Жакшылык ага болбой колун тартып алды.

- Жылдызы жок дегеле, бала дагы сени жактырбайт, ушунуң үчүн…

- Венера, анда эмне күнөө, жөн эле айтпайсыңбы? - деген Сатар кызына нааразы боло арытан басып келди.

- Ушул сизди жыргатып иймек беле, баланы карап койсо эмне болот эле? - Венера атасына тултуңдай кайрылды, - Ушуга эле болушуп каласыз да.

- Уулум да менин, көп тилдебегиле, бала деген жетиге чыкканча жерден токмок жейт, андан кийин элден келтек жейт, ошентип кагылат, согулат кызым, - деди Сатар токтоо, - Келе гой балам, - Бакбергенге кайрылды, - Бакы кел балам, экөөбүз огород сугарабыз, - Жанына томпоңдоп жетип келген Бакбергендин чачынан сылап төбөсүнөн жыттады да ары көздөй ээрчитип кетти, ошол кезде базардан челек аягын көтөрүп Батийна келди. Ал келгенде казан аякты калдырата булкулдап кирди.

- Тим эле өз баласынан бетер болушат ага.

- Эмне болуп кетти?

- Жакыны карап ойнот десем атам болбой ээрчитип кетип калды Бакбергенди.

- Ага ошол алтындан күмбөз коет.

- Батийна, сен ушинтсең балдар кантет, энесиң го сен, баарына тең эле болсоң болбойбу ыя? - Ары жактан келе жаткан Сатар аялына ачуулуу айтты эле Батийна кергиштей күйөөсүн карады.

- Ийи, эмне кылып ийейин ыя?

- Баланын көңүлүнө кетет, күндөн-күнгө эс тартып баратат, сен ойлонуп сүйлөсөң, Бакы өзү абдан зээндүү.

- Эк, болмоктон болсун, тим эле президент болсо да ошо балага эч мээрим түшпөдү, - Батийна тээ бак ичинде ойноп жүргөн Бакбергенди көзү менен ата карады.

- Сиз эмнеге болушасыз, андан көрө катуураак кармаш керек аны, эркелетсеңиз башыңызга чыгып албайбы ата.

- Чыкпайт, бала деген баладай өскөнү жакшы, - Сатар кызына аста карап, акыл-насаат айтмак болду, - Кызым, Жакшылык менин неберем, Бакы баламдай болуп калды, мен баарын бирдей көрүп, бирдей карайм, мынчалык бактык эми силердин бир тууганыңар эмеспи, өгөй бала өөнчүл жетип бала кекчил болот деген сөз бар, кек сактап калбасын кызым.

- Сактап эмне кылмак эле, чоңойгондо энеси табылса "чау" деген бойдон басып кетет, ошондо көрөсүз, - Венера болбой эле жинденип жатты, арыта ойноп жаткан баланы ойлуу караган Сатар унчукпай көчүк басты, Батийна өз ишине киришти, Венеранын уулу Жакшылык өтө чыр, ыйлаак өжөр, эки жарым жашта, кичүүсү бир жаштан өткөн кыз, али баса элек, турмуштун катаал сыноосу өзү койчу болду. Жамалбек тогузунчу класста, Шамалбек жетинчи класс, алар негедир Бакбергенге анча сүйлөбөйт, кээ-кээде келген Чынара менен Замира да аны көргөндө итатайы тутулуп, ар жакка жумшап, кайсаңдап балалык кылса ошол эле жерден муштуму желкесине орногон күндөр көп эле болду. Кийинки жылы мектепке барды, зирек бала сабакты окуган эле жылы өздөштүрдү, өзү теңдүүлөрдөн айрымаланып такылдап так жооп берет. Экинчи класста окуп калганда класста отурганда класс жетекчи аларды жаңы келген мугалим менен тааныштырып калды, ошондо жаңы мугалим баарын атынан чакырып жатып Бакбергенге келгенде:

- Фамилияң Жусуповбу сенин? - деп калды.

- Ооба агай.

- Жакшы-жакшы отура гой, сабактан алдыңкы экенсиң да, биринчи класста жалаң бешке окупсуң.

- Дагы жакшы окуйм агай.

- Азамат, - Бектурсун чакылдаган баланы ойлуу карады да, - Отур, эми сабакты баштайлы, таанышып алдык ээ? - Окуучуларга кайрылды.

- Ооба! - деп класс ичи балдардын үнүнө жаңыра түштү.

- Кана эмесе ручка дептериңерди алгыла.

- Агай, менин дептерим кала бериптир, - деп Бакберген тура калып мугалимге кайрылды, - Жүгүрүп барып алып келе коеюнбу?

- Унутчаак болбой жүрбөйсүңбү.

- Агай, аны эжеси уруп жаткан, бербей койгон чыгаар, - деди коңшу кыз Анара.

- Эмнеге урду, бейбаштык кылдың беле?

- Агай ал таштанды да! - деп бир бала класс ичин жаңырта дарылдады.

- Ким эле аты жөнүң, турчу өйдө, сен эмне деп жатасың? - Мугалим Алмазды карады, - Эмнеге минтип жатасың?

- Апамдар таштанды бала деп айткан, Сатар акелер багып алган да.

- Эмне, сен калп айтасың, мен таштанды эмесмин, калп айтып жатат агай! - Бакберген тура калып Алмазга жетип жакадан алды, бойлору бирдей эки бала бойлошо тирелишип калганда Бектурсун жете келип аларды ажыратканда Бакбергендин көзүнө жаш толо түшкөнүн байкап ажыратты да Алмазга катуу айтты:

- Экинчи мындай сөздү айтпай жүргүн, уктуңбу Алтынбеков?

- Уктум агай, - Алмаз тултуя жер карады, аңгыча дагы бири:

- Агай, Бакбергенди апасы төрөп таштап кеткен да, аны баары эле билишет, Сатар акелер багып алышкан, - деди чакылдай.

- Эртең ата-энелердин чогулушун өткөрөбүз, баарыңар ата-энеңерди чакырып келгиле, - деп Бектурсун Бакбергенге кайрылды, - Сен дагы айткын, Жусупов, макулбу?

- Жо-ок, кереги жок! - Бектурсунду жөөлөй сумкасын алып ыйлаган бойдон класстан чыгып кетти Бакберген, - Мен окубайм эми.

- Жусупов! - Бектурсун анын артынан кыйкырган бойдон кала берди, Бакберген улам мурдун бир колу менен жаный, көзүнүн жашын куюлта үйүнө жүгүрүп келди, эшиктин алдында Батийна бозосун сүзүп отурган, Сатар күрөгүн таянып огороддун четинде турган эле, энтиге атасынын маңдайына келип:

- Мен таштандымынбы, силер багып алдыңар беле?! - деди мурдун шор тартып.

- Эмне дейт, ким айтып жүрөт сага?

- Мен уктум, мени багып алган турбайсыңарбы, мени балдар сен таштандысың деди, андай болсо менин ата-энем кайда, ким алар?!

- Уулум, - Сатар анын жанына басып келди, - Алар айта берет, сен өзүбүздүн эле балабызсың, алардын айтканына ишенбе, чоңоюп калбадыңбы.

- Чын эле өзүңөрдүн балаңармынбы? - Бакберген Сатарды үмүттүү карады, - Алмаз калп айтат ээ ата?

- Айта берет уулум, эл деген эл да, сен ага ишенбе, - Сатар аны кучагына кысып ууртунан чымчый эркелете карады, - Эжелериң, агаларың бар, сен эң кенжебизсиң уулум.

- Ооба, ишенбейм эми эч кимге, - деген Бакберген сумкасын алып үйгө кирип баратканда алдынан Венера чыга калды.

- Көзүңдү карабайсыңбы, акшыңдап кудайдын эрке баласындай талтаңдайсың да?

- Венера, баланы какпай жүр! - Сатар кызына баш чайкай унчукпа дегендей кылды. Бакберген кийимин которунуп кайра чыгып келе жатканда сырттан Венеранын үнүн угуп токтой калды:

- Жаки, - Иниси Жамалбекти ошентип эркелетишет, - Сен тиги эски кийимиңди Бакыга берчи, ал эскини кийсе деле өлбөйт, бизге ыраазы болсун да өлтүрбөй багып койгон.

- Койсоңчу кызым, көп эле баланы кордой бербегиле, ал дагы адам баласы го, - Сатар кызына көп айткан сөздөрүн кайталап жатты, - Адам болгон соң боорукерлик да болуш керек, Жаки менен Шаки биз турганда кор болбойт, силер көбүнчө бечарага карагыла, кудайдан кайтат, экинчи Бакыга катуу айтчу болбогула.

- Ата, мен Бакыны жакшы көрөм, эч жаман айтпайм, - деп Жамалбек атасына кайрыла жылмайды, - Ал биздин инибиз да, Шаки экөөбүз ага сүйлөбөйбүз.

- Айла-анайын десе, ошентип ынтымактуу болгула балам, ынтымак бар жерге ырыскы дөөлөт орнойт экен, үчөөңөр бири-бириңерге карамдуу болсоңор эч ким эчтеке кыла албайт.

- Эч качан урушпайбыз, - деди Шамалбек дагы.

- Болдучу, тим эле кожо кыдырды багып жаткансып, кандай адам болоорун ким билет, сен болбосоң ач кулактан тынч кулак деп ушуну бага турган оюм дагы жок эле, - деп Батийна оозу-мурдун чүйрүй ишин уланта берди, - Тур, Бакыны чакыргыла, мени тачка менен базарга жеткирип келсин.

- Мен жеткирип коеюнбу? - Шамалбек апасын карады.

- Сен сабагыңды оку, - Бери жактан Венера үн салды, - Бакынын мээси компьютер, окубаса деле билет баарын.

- Сабакты жакшы билгени жакшы да, Жамалбек эжесине карай сүйлөдү, - Эч кимге көз каранды эмес, башкалар билгенди билсе кандай жакшы, - деп Жамалбек күлүп койду эле Венера жинденип кетти.

- Ооба, силер төбөңөргө көтөргүлө, менин ошол баланы көргүм жок тим эле, угузбагылачы кулагыма, - деди эле ичте турган Бакберген балалыгынан атасынын сөзүнө ынанып кубанып келе жатып бул сөздөрдү укканда артына бурулуп төркү бөлмөгө кирип отуруп алып: "Мени чын эле багып алышкан экен, Венера эжем мени жаман көрөт, өздөрүнүн баласы болсом антпейт эле, апам да жакшы көрбөйт, жумшаса мени жумшайт, мени атам гана жакшы көрөт", - деп ойлонуп эсине түшкөндөрүн көз алдынан өткөрө баштаганда Батийнанын заардуу үнү угулду.

- Бакы, ыя Бакы, өлүп калдыбы бул бала, чык бери!

- Бирдеме ичип алса боло, карды ачты го, - деди Сатар.

- Кайра келип деле ичет, мени жеткирип койсун.

- Жаки жеткирет, алдагы арабага анын алы жетпейт.

- Жетет, өгүздөй эле жарайт, - деп какшанып жатканда Бакберген үйдөн кабагы салыңкы чыга келди, - Бол эрте базардагы бозо түгөнүп калгандыр, кечке чейин сата коеюн, - деп челегин көтөрүп Бакбергенге тачканы сүйрөтүп алып алдыга түштү, ийрелеңдеп бир фляк бозону зорго сүйрөп баратып эңкейиш арыкка келгенде жүткүнө түшкөн тачка бутуна тийип кетти эле отура калды, аны көргөн Жамалбек жетип барып арыктан чыгарып жатканда артына бурулган Батийна:

- Өлүгүңдү көрөйүн ичи арам, ичсең балакет ичкенсип ичесиң, ишке калганда өлөсөлүү болуп каласың, бол ылдам! - деди ага ачуусу келе.

- Баратпайынбы, - деп боргулдана үн катты Бакберген.

- Үнүң өч, бол ылдам шүмшүк, кечиксек бозо калып калат, - деди да өзү ылдамдап басып кете берди, ушул кара тоголок, али күчкө толо элек баланын жүрөгү сыздап, тагдырына наалат айтып, жан дүйнөсү жабыркап баратканын билбеди, аны бир күчтүү адамдай ызырынып сүйлөнүп да баратты, - Өлүгүңдү көрөйүн арам сийдик, өлүмсөк болуп калат, дегеле таштандыны баккылык кылбасын, эне-атасы табылса кудай деп берип коет элем. - Аңгыча шыйрактарын шилбиңдетип артынан келип калды, - Бар эми барып кардыңды тойгуз, - Батийна элдин көзүнчө ага жумшак сүйлөп арабадагы бозону түшүрүп ордунда калып калды, Бакберген үйгө карай кайтып келе жатканда классташы Эрнис жолугуп сөөмөйү менен бетин чийгилей:

- Таштанды - таштанды, сени апаң таштап кетиптир го? - деп ээликтеп кирди эле Бакберген ага жетип түртүп ийди:

- Сен калп айтасың, мен таштанды эмесмин.

- Элдин баары айтып жатпайбы.

- Калп, баары калп айтат, мен сени өлтүрөм азыр, - Бакберген тырмалаңдап жатып Эрнисти жыгып алып уруп жатканда өтүп бараткан адам экөөнү ажыратып койду:

- Ок ат-тааңдын оозун урайындар, эмне талашып мушташып жатасыңар?

- Жөн эле, өзү тийишип жатат, - Бакберген Эрниске муштумун түйө кыжынды, - Дагы ошентет экенсиң өлтүрүп коем.

- Атамдарга айтам, сени элдин баары билет, - Эрнис кийимин кагынып ары көздөй жөнөдү.

- Ошол элиңди кошо өлтүрөм!

- Эй бала, кой андай дебей жүр, өлтүрөм деген жаман сөз да, кенедей болуп алып мунун сөзүн кара.

- Сиз бара бериңиз, ал өзүнүн сөзү үчүн жооп берет, - деди Бакберген чоң кишидей токтоо.

- Эмне чатагыңар бар деги, чычкак баланын сөзүн кара, - деп бейтааныш адам басып кетти. Бакберген жерди карап, улам ташты тээп ойлонуп баратат, балалык жан дүйнөсү азыр үшүгөн жалбырактай жүрөгүн титиретип: "Менин ата-энем ким, эмнеге мени таштап кетти экен, азыр кайда жүрөт, мени ойлойт болду бекен, ойлосо алып кетет эле го, эгер билсем качып кетмекмин, тез эле өзүмдүн ата-энемди бат эле таап алсам Азамат менен Эрнисти көрөт элем, ооздорун канжалатып сабап туруп атамдарды көрсөтмөкмүн", - деп ойлонуп үйгө баргысы келбей жай басып баратып үйдүн керешкесине жетип калган экен:

- Өлүп калдыңбы, тез келбейт белең? - деп Венера кыйкырды.

- Келбедимби.

- Тилиңди кесип сала турган шүмшүк болдуң, эмнеге каяша кыласың, өлтүрүп коеюнбу азыр? - деп жетип эле колунан булка кармап дегдеңдете сүйрөп үйгө кирип түртүп ийди да тепкилеп кирди, - Блин, экинчи тил кайрыбайсыңбы, угаарың менен дикилдеп турбасаң баш-шыңды жулам, - деп өчү бардай тепкилеп туруп чыгып кетти. Бүрүшүп ыйлап жатканда Сатар кирди, ал үйдө жок эле, Венеранын урганын көргөн эмес:

- Уулум, Жаки менен Шаки кайда кетти?

- Билбейм ата, - Бакберген онтолоп жатып жооп берди эле ал чоочуп кетти.

- Сен ыйлап жатасыңбы, уулум?

- Жок, - деп соолуктап, өпкө өпкөсүнө батпай кайрадан ыйлап киргенде Сатар аны өйдө кыла коймок болуп кармаганда бакырып ийди:

- Ооруп кетти!

- Эмне жыгылдыңбы?

- Жок.

- Эмне болду, бирөө урдубу?

- Жо-ок, - Көз жашын сүртө соолуктап жатты. Сатар дароо эле сезди, Венеранын кыял-жоругун билет эмеспи, кийимин чечип көрсө эти түктүйүп кыпкызыл так туруп калыптыр.

- Кыз болбой жерге кир десе, Венеранын колунан келген экен ээ? - деп кейип-кепчип, кайра кийинтип жаткырып койду, канчалык арачалаган менен эч жыйынтык чыкпады. Өзү барда тийгизбей жанына алып жүрчү болду, бирок тиричилик деген ичегиге салгандай болуп калганда аргасыз таштап кетет. Бир күнү Бакбергендин класс жетекчиси Сатарды чакыртып алды, кол алыша учурашкандан кийин Аскар ага тигиле карап:

- Сатар аке, Бакберген абдан жакшы окуучу эле, кийинки кездерде түнт дагы болуп баратат, үй тапшырманы аткарбайт, - деди.

- Эми-и, - Сатар мукактана калды, - Элди билесиң иним, ала кушту атынан айт деп бала немеге ар кайсыны айта беришет экен, чүнчүгөнү ошондон го, бизге дагы барып силер багып алыптырсыңар го деп аябай ыйлаган, ошондон кийин эчтеке да айтпайт, өзү менен өзү…

- Үйдө ага эч ким жаман айтпайбы?

- Жо-жо-ок, эми анча-мынча өз балаңды деле какыс-кукус кыласың да, бирок мен бала эмес чоң кишиге кайыр айткан жан эмесмин.

- Түшүнөм-түшүнөм дечи, сиз өзүңүз жакшылап көңүл буруп коюңуз, бала көңүлү чөксө баарына кайдыгер болуп өзүн таштап коет, үйдөн акыл-насаатты көп айтып, сабагын даярдаганга мүмкүнчүлүк бергиле Сатар аке, балдарыңыз өтө жакшы болбосо да орто окушат, бул Бакберген абдан зээндүү, анча-мынча мугалимди да жаңылтчу.

- Өзүм карайм иним, сөзсүз сабагын окуганга жардам берип көңүл бурабыз, - деп Сатар өйдө болду.

- Жакшы барыңыз, - Аскар сыртка узатып коюп калды, Сатар жолгата ойлонуп келди: "Бакпасак болот эле, баккандан кийин бактылуу кылууга акыбыз бар, келечеги биздин гана колдо, бул дүйнөдө өзүн жалгыз сезип, жашында тагдырдын оор соккусуна кабылып, жүрөгүн жылытаар адам болбосо өзүн таштап терс жолго түшүп, мерез, таш боор болуп калышы мүмкүн, андай адам сөзсүз кек кууп кийин өзүбүзгө дагы тап коюшу мүмкүн", - деп ойлонуп үйүнө келди. Ал келгенде Венера дагы Бакбергенди жемелеп жаткан экен.

- Өлүп кеткир, самтырабай жоголуп кетсең кана, Жакшыны карабай эмне кылып жүрдүң ыя?

- Өзү мага болбой ыйлап жатпайбы.

- Бала дегенди имерип жакшыраак карабайт белең, өзүң сүйкүмсүз өлүксүң да, дагы бир жолу ушинтсең башыңды жулуп үйдөн кууп чыгам шүмшүк! - деп дүңк эттире бир муштаганда ал чаңырып отура калды:

- Эсиң жок кызым, ушуга эле асылып калдың да, тийбесең боло ага, өзүңдө да бала турат, эне болгон соң баланын кадырын билип эле калдың го? - Сатар кызына нааразы болуп эшиктен кирди.

- Ата, тилдегенден өлүп кетпейт го?

- Кой кызым, жүрөгүн оорутпачы ушунун, - деп ыйлап бүрүшүп отурган Бакбергенди өйдө кылды, - Бети колуңду жууп келчи уулум.

- Азыр, - Бакберген көз жашын аарчый соолуктап эшикти көздөй жөнөдү, ал чыгып кетээри менен:

- Жетим бала кекчил болот кызым, бул баланын жүнү тирүү, көзү өткүр, көп ызгаар көрсөтпөгүлө, кийин кек сактап калса зыяны тийип жүрбөсүн, мени агайы чакырып мурункудай болбой калды дейт, өтө чүнчүп кетти, кызым.

- Өлүп кетпейби, пешенесинен көрсүн, энеси таштап кеткенине биз күнөөлүү бекенбиз?

- Ай эси жогум ай, анда мен бул баланы шаарга алып барып интернатка берип келейин, мен да кыйналып кеттим, мынчалык болбосо болот эле, бирөөнүн убалына калбайлы, - деп үңкүйө отуруп калганда Батийна кирип келе жатып эле какшанып:

- Ушу сенде бир сыр бар, ушунун энеси менен соо эмессиң го өзү, мынчалык эле эмнеге жан тартасың? - деди күйөөсүнө алая карап.

- Дагы эмнени ойлоп таптың, деги картайганча эсиңе кирбедиң го, болбосо балдарды ынтымактуу кылып өстүрөт элең.

- Ооба, сага кыйын болбодубу, мендей айбан менен жашап, кокус Бакынын апасындай аялга туш болсоң жыргамаксың, арманың аттын башындай эле го байкушум, - деп Батийна кергиштей сүйлөдү, Сатар аны уккусу келбей тим болду, дагы бир сүйлөсө кутулбаган куяга калышы мүмкүн эле, ошондуктан ичтен өкүнүп көзүн жума жатып калды. Бакберген жуунуп алып эшиктин алдында отуруп алып үй ичиндеги бака-шаканы угуп зээни кейип жол тарапка алаксымак болгондо Жамалбек менен Шамалбек келди, алар мектепке барып топ ойноп келишкен эле.

- Апам келдиби? - деп Бакбергенден Шамалбек сурады.

- Ооба.

- Сен алышып келдиңби?

- Жок.

- Эртең сен биз менен топко барып келбейсиңби?

- Мен ойной албайм да.

- Аны тим кой, бою деле жетпейт, биздей болгондо барат, - деп койду Жамалбек. Кечинде Батийна келгенде Сатар ичиндеги оюн ортого салды.

- Батиш, мен Бакыны шаардагы балдар үйүнө тапшырып келейин.

- Эмне болуп кетти, шаарга барган келгенге дагы акча керек, ансыз да чыгым болуп багып келе жатабыз, эмгегибизди иш кылып кайтарып бериши керек, кол арага жараганда кайдагыны айтпай жөн отурчу.

- Кордоп ийдиңер, Венера болсо муну атайын эле баса калат, эне болгондон кийин балага мээрим төксө боло, бала кадырын түшүнсө боло.

- Ооба, ошого эле сен кыйналып кеттиңби, бала дегенди какыс-кукус кылып коет, андан эчтеке деле болбойт, - Батийна күйөөсүн жактыра бербей жаман көзү менен карады.

- Убал го балага деле, Жаки менен Шакидей эле көрсөңөр болмок, мунун да ырыскысы бардыр, дагы бир урганын көрсөм баары бир шаарга алып барып интернатка тапшырым коем, - деди Сатар, айттым койдум, угуп койгула дегендей мааниде. Батийна күңкүлдөп сүйлөнүп тим болду, Венера унчуккан жок. Кечинде Бакбергендин эти ысып, чабалактап дөөрүп жатты, Сатар анын чекесине муздак суу басып, дары-берип өзү карап жанына алып жатып түнү бою карап эртеси бир аз эс ала түшкөндө гана чай берди, Батийна карап дагы койгон жок. Таң атпай бозосун сүзүп базарга жөнөдү, эмгеги текке кетпей үй жайын оңдоп, өздөрү дагы кийинип, ичкендери эт менен май болуп калган. Ушунча болуп акча кармап жатса дагы Бакбергенге төрөлгөнү жаңы кийим алып бере элек, эки баласынан калган эскисин кийип келе жатат. Сатар кийинки кездерде оорукчан болуп калды, ичкени аш болбой кусуп ашказанында жара бар экенин билди врачка көрүнүп. Тамакты ылгап ичип, бара-бара арыктап төшөккө жатып калды. Ошол кезде Чынара эки баласы менен күйөөсү, кайнежеси болуп атайын көргөнү келип калышты. Венера Бакбергенди эшиктин алдында сабап жаткан эле, Чынара келип аны ажыратып койду, аны көргөн кайнежеси Асылкүлдүн жүрөгү сыздап мындан он бир жыл мурунку башынан өткөн окуяны көз алдына келтире зыңгырай Бакбергенди мелтирей карап туруп калды. Үйгө киргенден кийин Чынарадан сурады:

- Бул бала эң кенжеңерби?

- Ооба, - Чынара ачык айткысы келбей кыска жооп берди.

- Аа-а, - деп тим болду Асылкүл…

Асылкүл бир күйөөдөн чыккан келин эле, атасы айылдагы кадыр-барктуу адам болгондуктан күйөөсүнөн ажыратып келген соң үйдө жүрө албай тез эле шаарга кетип калган, бирок иш таппай кайра келип үйдө болуп калды, классташы кээде келип отуруп кетет, ал айыл өкмөтүндө бухгалтер болуп иштеген Турсунбек менен тааныштырмак болуп калды. Шермат кызын өз эркине койду, апасы Айымбү гана кайда барып, кайда болгонун сурап билип турат. Турсунбек үйбүлөлүү отуз бештердеги жигит, көздөрү бакырайган, кара каш, кара көз сулуу жигит, ага үстүңкү эки алтын тиши сүйлөгөн сайын өзүнчө көрк берип, келин-кыздарды өзүнө тартып турат. Асылкүл да анча-мынча келиндерден көзгө көрүнгөн татынакай келин, бою шыңга, арык чырай, чачы узун сулуу келинди Турсунбек чын дили менен сүйгөн, бирок үйбүлөсүн таштай алмак эмес, эки баласы чоңоюп калган. Экөө күндө жолугуп бактылуу күндөрдү башынан өткөрүп жүрүп убакыттын өткөнүн билбей боюна болуп калганда гана ашыкча кеткенин сезди, Турсунбекке эркелей отуруп анан ички сырын айтып отурду:

- Туке, биз канчага минтип жүрө беребиз, жолубуз эки башка болгон соң ушундайда бөлүнүшүбүз керек го?

- Жок-жок, оозуңду ачпа, менин сенден ажырагым келбейт, - Турсунбек келинди баса калып өпкүлөп, кытыгылап кирди, - Сен андай сөздү унут, жаным биргем, менин жүрөгүмдүн тең жарымы…

- Туке, мени антип алдаба, мен аялмын, боюмда дагы бар, сени кыжаалат кылгым келбейт, биз ушундан баштап эки жакка кетишибиз керек, эми мен бул жерде кала албайм, ата-энемди уятка калтырып төрүндө төрөгүм келбейт.

- Эмне дедиң, боюмда бар дейсиңби?

- Ооба, мен сага айтпай коеюн дегемин, бирок…

- Асыл, Асылым менин, алдырып койбойлубу?

- Мен эч качан алдырбайм Туке, баары бир экөөбүз бир боло албайбыз, бала болсо мага керек, сага тоскоолдук кылбайм, дайнымды билдирбей кетем Туке, бүгүнкү күн биздин акыркы жолугуубуз болсун, - деди Асылкүл муңайым карап, колун Турсунбектин ийинине артып башын көкүрөгүнө жөлөп алды, - Сен мени унут, мындан кийин жолукпайбыз, - Көзүнө жаш кылгыра үнү ызалуу чыкты.

- Асыл, андай дебечи, мен сени жанымдан чыгаргым келбейт, - Бооруна кысып алып моюнунан, жүзүнөн өөп жатты, - Сен мени таштаба.

- Бир сөз айтсам таарынбайсыңбы?

- Кандай сөз?

- Экөөбүздүн бирибизди танда деген.

- Асыл, сен мени түшүн, андай болбойт го…

- Анда мага башка сөз айтпа, жакшы көрөм дегениң жалган, - Асылкүл ордунан тура калды, - Менин жолумду тоспо, баланы төрөйм да таштап салам, мен жөнүндө билгиң келбесин, - Ылдамдай басып жүгүрүп кетип баратканда Турсунбек жетип кармап калды:

- Мен сени жанымдай жакшы көрөм дедим го?

- Жакшы көрсөң мени тандамаксың.

- Бир аз убакыт күтүшүң керек.

- Күтө албайм, ичимдеги төрт ай болуп калды, билинип калса эмне болот, дайнымды билгизбей кетишим керек.

- Анда сени өзүм жеткирем шаарга.

- Кереги жок, өзүм кетем.

- Өзүм жеткирип барып турам, эртең айылдын четинен күтүп тур, саат ондо ошол жерден жолугуп чогуу кетебиз, - деп Турсунбек Асылкүлдү кучактап алып өпкүлөп көндүрө албай жатты.

- Убара болбо, мен сенин жашооңдон биротоло жоголом.

- Эч качан анте албайсың, өзүм барып сени батирге киргизип келем, төрөгөнчө өзүм карайм.

- Койсоңчу Турсунбек, ашыкча сөздүн эмне кереги бар, мен барып иштеп өзүмдүн камымды өзүм көрөм, сен тынч жашай бер, Асылкүл андан бошонууга аракеттенди эле бошоно албады, - Кое бер мени, атамдар издеп калат, эгер билсе атам мени жыга чабат.

-Жок, эртең ушул жерден жолукканга убадаңды бер, анан кое берем, кана алтыным макулдаштыкпы?

- Туке, сен мени кыйнап жатасың.

- Мен сени сүйөм.

- Жалган, жасалма сүйүүнүн кереги эмне?

- Жаным, жалган айтканым жок, бир аз убакыт өтсө аялымды кетирем, анан экөөбүз шаардан үйлөнүп алмакпыз.

- Макул анда, эртең күтөм, айылдын четинде бол.

- Алтыным, Асылым менин, ушундай эле кең пейил элең.. - Экөө көпкө кучакташып туруп анан машинага отуруп жөнөштү. Турсунбек Асылкүлдү күүгүмдө үйүнүн жанына түшүрүп ары кетти. Айымбү үйүнүн жанына токтогон машинанын үнүн угуп дарбазасынын эшигин ачып кызын көрүп эле:

- Бет калбай калды го шуркуя, элдин жүзүн кантип карайбыз? - деп ачуулуу тосуп алды.

- Эмне болуп кетти апа, эки жакка басамбы деги?

- Шерменде, айтканын карасаң, уялып да калбайт, атаң эми эле сураган, абийирибизди төгө электе жоголсоңчу, - Айымбү кызын урушуп үйгө ээрчите кирди, - Дымыңды чыгарба, эртең же бүрсүгүнү сага жол каражат таап беремин, шаарга кет.

- Эмнеге, апа?

- Ошону кандай билбейин, сенин денең жайылып баратат, боюңда бар, иги-жигиңди билгизбей жогол бул жерден, - деди акырын.

- Койчу апа, болбогонду айта бересиңби, - деген Асылкүл апасына таңгалды: "Кантип билип койду, ой тобоо баамчылын кара, чын эле билине электе кетип калайын", - деп ойлонуп уктоочу бөлмөгө кирди, Айымбү аны тамак ич деп дагы айтпады. Бир аз жатып кайра ашканага кирип тамак бар экенин көрүп ысытып ичип анан жатты, кийимдерин даярдамак болуп анан: "Эртең менен жетишээрмин", - деп уйкусу келип турган неме керебетке жата кетти, эртеси аны Айымбү ойготту:

- Тур эрте, мен тиги жогорку айылга барып келейин, сен атаңа чай бер.

- Макул апа, - Асылкүл ыңгыранып зорго турду.

- Кирлерди жууп кой, мен кечирээк келем, эки жакка кетчү болбо.

- Кайда бармак элем апа, жөн эле сүйлөй бересиңби, - Асылкүл актана бурк этти, - Мени таптакыр эле айбанга чыгарып коесуңар да.

- Болду, көп сүйлөбөй ишиңди жаса, - Айымбү эшиктен чыгып кетти. Асылкүл кийинип чай коюп атасына чай берди да кирин жууп коюп шашыла саатты карап алып өзүнүн кийимдерин салыштырып алып, жасанып түзөндү да атасын карап туруп акырын үйдөн чыгып кетти, бир аз кечигип келсе Турсунбек күтүп турган экен, экөө дароо эле жөнөп кетишти. Ошол күнү шаарга кечке маал келишти да мейманканадан орун алып коюп кафеден тамактанышты, ал түнү экөөнүн алдында айрылуу турганын ойлоруна албай бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп эртеси эртелеп батир издеп бир бөлмө батир таап жарым жылдын акысын төлөп үч-төрт күн экөө бирге болушту да Турсунбек кайра айылга жөнөмөк болуп бөлүнө албай турушту.

- Туке, мени унутпайсыңбы?

- Жок-жок, эми эси-дартым сенде болуп азаптанам го, андан көрө сен башканы таап албайсыңбы? - Турсунбек келинди сынай карады.

- Мен ушул абалымда кимди таап, кимге жакмак элем?

- Сен ого бетер сулуу болуп баратасың, боюнда бар аял кандай жакшы көрүнөт жаным.

- Аттиң дечи, - Асылкүл улутунуп ийди.

- Эмне болду?

- Ушул кезде биротоло сендик болсом кана?

- Шашпай турчу жаным, сүйлөштүк го?

- Мен али врачка көрүнө элекмин, бала кыймылдап калды.

- Ырас элеби?

- Эмнеге калп айтмак элем, - Асылкүл таарына мурчуйду.

- Койдум-койдум эми, Асыл сен мага кыз төрөп берчи ээ?

- Кудайдын бу йруганын көрөбүз го.

- Ооба-ооба, бирок мен кыздуу болгум келет.

- Уулбу же кызбы бактылуу болсо болду го, атадан же энеден жок томсоруп калбаса болду, - Ойлуу Турсунбектен көзүн албай жал-жал карап көзүнүн жашы үнсүз төгүлдү, - Ата-энем үйгө киргизбейт, кечип коюшу мүмкүн Турсунбек.

- Мен турам го, балабыз эч качан томсорбойт, мен эми кетейин, кардыңды ачырбай тез-тез тамактанып тур, - Кучактап эки бетинен өөп анан машинасына барып отурду, - Эмесе жакшы тур.

- Жакшы бар.

- Мен сени жакшы көрөм Асыл.

- Мен дагы сени жакшы көрөм, кош эмесе.

- Кош деп айтпай жүр, биз ар дайым биргебиз, сен ар дайым менин оюмдасың, мына бул жердесиң, - деп Турсунбек жүрөк тушун баса жылмайып койду да машинасын от алдырып жөнөп кетти. Ошентип Асылкүл шаарда жалгызсырай Турсунбекти узата карап: "Түбөлүк жаныңда боло алсам кана, андай болбойт го, аялыңды кыя албайсың, неге ошондо ойлонбодум экен, апам мени таппай калат го, даана сезет менин соо кетпегенимди, ай кудай ай, эми кантем, эптеп иштешим керек, жөн жүргөндө тамак аштан кыйналам", - деп ойлонуп ичин сыйпалап Турсунбекти ушул бойдон таптакыр көрө албастай батирине кирди да эшигин жаап алып көпкө солкулдап ыйлап жата берди. Дал ошондой болду, Турсунбек жолдо кетип жатып авариядан көз жумду, аны Асылкүл уккан жок, келем деген убактысынан ашып кетсе дагы андан дайын болбоду, өзү идиш жууп иштеп акча жыйнап жатты, бир күнү узиге көрүнсө баласы уул экен: "Турсунбек кызды жакшы көрөм деди эле, эми эмне болот", - деп ойлонуп иштеп жүрө берди.

Ичиндегиси жети ай болуп калганда аны ашкананын ээси жумуштан чыгарып койду, өзү да кыйналып иштей албай калган эле, базардан ичиндеги балага кийим-кече алганга кирип баратканда аны шаарда жашаган бир тууган эжеси көрүп калды да артынан аңдып батирине чейин келди, ал кирип кеткенден кийин артына кайрылып кетти дагы эртеси айылга барып апасын алып келди. Ичинен илип алып уктап жатса эшикти тыкылдатып калды.

- Ким? - деп зорго турду Асылкүл.

- Ач эшикти! - Айымбүнүн үнүн уккан Асылкүл делдейе: "Турсунбек кошо келди бекен, апам кантип таап келмек эле, ачык айткан го аялы менен ажырашты бекен, ай кудай ай", - деп жүүнү калтырай илгичти ачып жиберди эле Айымбү менен улуу эжеси Канымкүл турган эле.

- Ок шерменде, качып келип ушул жерден орун алдыңбы, чырактай бир жигиттин убалына калдың, - Айымбү кирип келип эле Асылкүлдү жаза буза чаап-чаап ийди.

- Апа, мен эмне кылдым, кимдин убалына калыптырмын?

- Оозуңа кара балээ, мени эчтеке билбейт дейсиңби, Турсунбек сени жеткирип баратып авария болуп өлгөн, дагы жакшы аялы эчтеке билбептир, көргөндөр ар кандай ушакты таратып жүрүп эми унутту, - Айымбү сүйлөп жатканда оозуна сөз кирбей Асылкүлдүн жүзү боп-боз болуп, калган сөзү кулагына кирбей жыгылып баратты, Канымкүл байкай калып кармап калды:

- Асыл, Асыл эмне болду сага?

- Эмне дейт, ага эмне болду? - Айымбү кызынын өңүн көрүп чоочуп кетти, - Карангү-үн, эми эмне кылабыз?

- Айтпай эле койбойт белең апа, врач чакырыш керек, - Канымкүл сиңдисин эки бетине акырын чапкылап өзүнө келтире албай жатты, - Асылкүл, көзүңдү аччы, эсиңе келчи!

- Бетине суу чачып жибер, карангүн ай, ошо Турсунбек деп үйдөн безди эле, анысы да ушуну ойлоп баратып күндүзү, түптүз жолдон тоголонуп кетиптир, эми эмне кылайын кокуй, - Айымбү дале эбиреп жатты, элүүлөрдөн өткөн аял баарын түшүндү, экөөлөп суу чачып жаакка чапкылап жатып Асылкүл көзүн ачканда жарыша:

- Кандай, акыбалың дуруспы?

- Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - дешип сурап эки жагынан күйпөлөктөп жатты.

- Турсунбек өлүп калдыбы? - Асылкүл апасынан көз албай ушинтип сурады.

- Ооба, аны эмне кыласың кокуй, эл укпасын, - Айымбү дагы бирдемелерди сүйлөмөк болгондо Канымкүл тыйып койду.

- Койчу апа, акыбалын көрүп турасың го, эс алсынчы бир аз.

- Ээ мейли эми, болоор иш болгон тура, өзүм дагы ушуну сезгемин, атаң эчтеке билбейт, - деп Айымбү унчукпай калды. Асылкүл үнсүз гана ыйлап жатты: "Неге, неге өлүп калдың, жерге жашырынып калганыңды билбей сени жаман көрүп мени унутту деп жатпадым беле, мен эми эмне кылам, сени караңгы жердин алдынан көрмөк тургай кир төшөккө жаткызгым келчү эмес эле го, мени ара жолго таштап кете берген экенсиң да", - деп ойлонуп апасы менен эжесинин барын да унутуп калгандай болду. Көптөн кийин Айымбү кызынын түрүнө боору ооруп, - Кызым, сени жаман болсун демек белек, эл-журттан уялат экенсиң, кокус билинип калса жети өмүрүбүз жерге кирет го, баланы ушул жакка төрөп таштагын да айылга мени менен кет, күйөөң кайра келип жарашам деп жатат, - деди акырын гана.

- Мен баламды таштабайм.

- Эмне кыласың анан?

- Өзүм багам.

- Көк беттенбе.

- Силер кийлигишпегиле.

- Унут, баланы төрөгөн соң жоготобуз, - Айымбү ачуулана карады, - Иги-жиги билинбей калат, дагы төрөйсүң, жаш эмессиңби, бей нике төрөлгөн бала жакшылык алып келбейт, бизге арамдык жакпайт, - Айымбү бул сөздү терс бурула айтты.

- Менден кечсеңер кечкиле, бирок мен баланы таштабайм.

- Болуптур эми, адегенде аман-эсен төрөп алсаң анан көрөөрбүз, мен сенин жаныңда болом, - деди Айымбү аргасыз.

- Апа, учурунда көрөбүз, бир айдай бар экен, доктурга көрүнүп турсун, тамак ашты мен алып келип берем, Асанбектер билбесин, - деп Канымкүл туруп эшикке карай басты.

- Эч кимиңердин керегиңер жок, кете бергиле, мен өз тагдырымды өзүм чечкемин, эми акырына чейин өзүм билем, - деп Асылкүл ыйлап сүйлөп жатты. Ошентип Айымбү анын жанында болуп жатты, күндөн-күнгө оорлошуп кыйнала баштаганда төрөтканага жаткырып эки маал келип кетип турду Айымбү, он күндөй жаткандан кийин Асылкүл кыйналып жатып уул төрөдү, өзү эчтеке сезбей жатып калды, каны аз болуп врачтар тегеректеп үч күн бою жатып эсине келип, дароо эле:

- Балам, балам тирүүбү? - деди.

- Кабатыр болбоңуз, аман-эсен.

- Көрсөм болобу? - деди Асылкүл алсыз.

- Бир аз өзүңүзгө келгенден кийин алып келебиз.

- Жо-ок, мен жакшы элемин, баламды көргүм келет.

- Жарайт, азыр алып келем, адегенде палатага которобуз, андан кийин алып келип беребиз, жарайбы эже? - деди акушерка жылмая.

- Макул, - Асылкүл шуу үшкүрүп алды, ошол кезде Айымбү менен Канымкүл кирди, Асылкүл алардын үнүн угуп эле көзүн жумуп алды.

- Асыл, кандай ал-абалың? - Канымкүл эңкейип бетинен өөп учурашты.

- Жакшысыңбы кызым, коркутуп койдуң го бизди, - Айымбү жанына отуруп өөп колунан кармады, - Уулдуу болдуң кызым.

- Ооба, аны өзүм чоңойтом апа.

- Мейли-мейли, - Айымбү бул жерден кызынын жинине тийгиси келбеди, үнсүз гана башын ийкеңдетти. Ошол күнү кайрадан эти ысып онтолоп врачтар укол сайып тыпырап жатты, эмнеден экенин да айтышпады, баласын көргөнгө акыбалы келбей алдастап жатты, беш-алты күнгө чейин ооруп жатып акыры көрдү, наристе көздөрү бакырайып Турсунбектин эле өзү болчу, кирпиктери узун, кашы кара, мурду кырдач, көзүн ачып энесинин эмчегин издеп кайсаңдап келе жатканда бооруна кысып алып көзүнүн жашын төгүп отуруп дагы өзүн жоготуп койду: "Эмнеге сени шаарга алып келдим экен, уулум экөөбүз үчүн сенин барың кандай бакыт эле, жок дегенде эртерээк билсем мүрзөңө барып келбейт белем", - деп ойлонуп отуруп баласын түшүрүп ийе жаздаганда катар керебетте жаткан келин ала коюп акушерканы чакырып келди. Ошол күнү түндөп врачка сүйлөшүп Канымкүл менен Айымбү баланы алып чыгып кетти.

Асылкүлдүн эсинде калганы наристенин оң жак бутунун кызыл ашыгында бармак басым калы болчу, өткөндү эстеп, көздөрү бакыраңдаган баланы бирөөгө окшоштура улам жүрөгү болк этип жаман акыбалда болуп жатты. Кирип чыккандардын ичинен издегени Бакберген болду, Жамалбек менен Шамалбектерге бир дагы окшоштугу жок эле: "Кудай ай, деги эмне болуп турам, апам ушуларга таштаганбы? Жок-жок, эң кенжеси тура", - деп ойлонуп отуруп тамак алдыга келгенде Батийнанын:

- Тиги шүмшүктү чакырып койгулачы, тамак ичсин, - деген сөзүн угуп дагы жүрөгү "зырп" эте сайгылашып алды.

- Ичет да балдар менен, - деди ага Венера жооп кылып.

- Апа, Бакы ойноп кеткен го, эшикте жок, - деди баш багып Шамалбек.

- Өлбөсө келет да, иче бергиле.

- Эшик караңгы болуп калды, мен карап келейинби?

- Тим кой, келээр…

- Ой карагыла, дагы бир жерде ыйлап отургандыр, - деди Сатар баш көтөрө.

- Күйүп жатсаң өзүң кара, деги ушу баланын айынан үйүбүздө тынчтык кетти, - Батийна наалып кирди.

- Койчу апа, бала эмеспи, чоңойсо тентектиги калып калат, - деп Чынара анын бакма бала экенин кайнежесине билгизгиси келбей сүйлөдү.

- Эк, ала кушту атынан айт деген чын экен, ансыз деле бала-чака айтып коюптур, арамдана баштады.

- Качан айтыптыр?

- Былтыр эле угуп алып ыйлап келген.

- Эмне, багып алдыңыздар беле? - Асылкүл чыдабай сурап ийди.

- Багайын деген ой жок эле кудачам, кайсы көтүңө келгир тууп таштаганын ким билсин, эшиктин алдына таштап кетиптир, - деп Батийна балп эттирип салды. Асылкүлдүн кулагы тунуп, көзү караңгылап барып өзүн кармап унчукпай отуруп калды: "Демек менин балам экен да, убалы жетсин сага апа, менин ооруп калганымдан пайдаланып ушуну кылган экенсиң го, жок дегенде көрүп жүрдүң бекен", - деп төрөөрдө уулу үчүн арнап алган кийим-кечесин алигиче катып жүргөнүн эстеп алды: "Кагылайын каралдым ай, сен кор экенсиң да, канткенде сени колума алаар экенмин, айтуу канчалык оор, Чынара эмне деп ойлойт, ким эмне десе ошол десин, айтып алып алам", - деген ойдо отурганда Шамалбек Бакбергенди жетелеп кирди.

- Апа, короонун артында ыйлап отуруптур.

- Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, өлгүң келсе ачык эле өлө кал, жашынып отурбай, балдарды убара кылып, - деп Батийна дүңк эттире бир муштаганда көмөлөнүп кетти, буларды көзү менен көрүп отурган Асылкүлдүн жүрөгү зыркырап сыздап көзүнөн жаш ордуна кан аккандай эки көзү балада болуп турду, бир кезде чор болгон согончогунун өйдөрөөк жагынан бармак басым калды көрүп мууну калтырап чыкты, ал биринчи күйөөсү менен табышкан, бирок төрөбөй жүргөн эле. Чынара анын түрүн көрүп: "Баласы жок боору ооруп жаткан го, эмнеге буга ташталганын айтат", - деп ойлонуп:

- Эже, сизге эмне болду? - деди.

- Аа-а, эч нерсе болгон жок, - Асылкүл өзүн колго ала көзүн ала качты.

- Апа, үйдө конок отурса бирдемени айта бересизби? - Чынара апасына нааразы боло сүйлөдү.

- Эми кечирип кой айланайын кудача, көңүл бурбай эле кой, муну ушунча багып өлтүрүп коймок белек, дегеле энеси чыкса берип коет элем, - деди кайра эле Батийна.

- Аа-а жо-ок, мен көңүл деле бурган жокмун.

- Алгыла тамактан, - деп жалпалактай күлгөн болду Батийна.

- Алып жатабыз… - Асылкүлдүн эки көзү Бакбергенде болуп жатты: "Мен багып алайын, төрөбөй жүрөм деп айтсам берээр бекен, же бербейби, апасы табылса берет элем деди го", - деп ойлонуп отурду, бирок Чынара менен сүйлөшүп көрмөк болуп токтоду. Чынара бир-эки күн калып Асылкүл эртеси кетмек болду, экөө сүйлөшүп турганда Чынара:

- Эже, сиз бара бериңиз, мен атамдар менен сүйлөшүп көрөйүн, - деди.

- Макул, эгерде кудагый макул болсо мен куру келбейм Чынара, эптеп көндүр.

- Ооба эже, айтып түшүндүрөм го?

- Ошент, жакшылап түшүндүр, мен сенден жакшы жаңылык күтөм, чыдамсыздык менен күтөм, - деген Асылкүл Батийна менен коштошуп чыгып кетти, ал кеткенден кийин Чынара апасы менен сүйлөшүп жатты.

Асылкүл үйүнө келип эле апасына ачуулуу булкулдап кирди, бул кезде атасы жок эле, эки жыл мурун дүйнөдөн өтүп кеткен.

- Апа, жакшынакай төрөлгөн баламды өлдү деп мени он бир жыл бою алдап келдиң, өзүң эне болуп туруп энени кантип сууттуң, баламдын кор болуп чоңоюп жатканын көрүп чыдай албай калдым.

- Эмне болуп кетти деги, кайдагы баланы айтып жатасың?

- Унутуп калдыңбы, мен сүйүүмдөн айрылганыма чыдабай эсимди жоготуп жатканда өлүп калды деп мени түңүлткөн бала тирүү экен!

- Кайдагыны айтпай, таштанды бала болсо эле сеники болмок беле, сенин балаңды өз колум менен койгомун, - деп Айымбү башын ары буруп ошол түнү кайсыл үйдүн жанына барганын, элестете албай жүргөнүн эстеди. Чынында таксиден түшүп эч ким көрүнбөгөн короого кирип барып эле босогосуна таштап кайра тигиндейрээкте токтоп турган таксиге отуруп үйүнө келген. Сатарды деле таанычу эмес, тагдыр деген кызык эмеспи, келип-келип эле уулу Садырбек Чынараны жактырып калып үйлөнүп алганда тааныган, бирок Бакбергендин бакма бала экенин уккан эмес, Чынара зымырайып ооз ачып сыр айтпайт, кудагыйыныкына той-топурда же бир учурашканы, неберелеринин туулган күнүндө жолукпаса сый эле.

- Таштанды деп, кара чечекей кызыңдын төрөгөн баласын таштанды атыктырып коюп туубас болуп Анарбектин жаман-жакшы сөзүн угуп жүрөгү сыздагынан сезбейсиңби, апа? - Асылкүлдүн көз жашы салааланып эки бети ылдый куюлуп жатты.

- Асыл, ботом отурчу мындай, эмне деп эле жатасың, түшүндүрүп айтчы.

- Эмнеге менден баламды, бактымды ала качтың апа, өз энеси баласын бактысыздыкка алып келет экен да ээ, неге мени алдадың апа?!

- Койчу кызым, сени бактылуу болсун деп эле ойлогом, балаңар эле жок болбосо баары жетиштүү го кызым, эмнеден кемсиң?

- Апа, ошол дагы бакытпы, эшигимдин алдында бала ойнобосо, Анарбектен күндө: "Куу жатын, туубас", - деген сөз угуп жашаганым бакытпы айтчы мага?!

- Олда-а карангүн ай, деги ал бала кайда экен кызым?

- Сенин кудаңдын колунда экен, эми өз колуң менен алып бер, аны колума тийгизбесең өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп сыртка чыгып кетип калды, ачуусу менен автобус күтүп өз үйүнө жөнөдү, Айымбү эшикке чыгып таппай калды: "Курган кыз ай, төрөп алса дагы унутуп калаар беле, кайдан билди экен, алар ошончо кордойбу баланы, ушунча болуп бала багып алдык дегенин уккан жок элем, көрсө ошонун эшигине таштаган экенмин да, ооба-а ал баланын белгиси дагы бар болчу, эгерде ал болсо бутунда калы бар, аны Асылкүл баамдаган эместир, ошол абалында көрө койду дейсиңби, өзүм куданы көргөн болуп билип келейин", - деп ордунан турду. Бирок келини келсе анан бармак болуп токтоп калды. Ошол убакта Садырбек келип калды.

- Ээ балам, кайнатаңдар бала багып алганын Чынара айтты беле?

- Жок, эмне деген бала?

- Билбейм, бала багып алган имиш.

- Өзүнүн балдары турбайбы, эмне кылмак эле.

- Эшигине таштап кеткен имиш.

- Билбейт экенмин, Чынара айтпайт андайды.

- Зымырайган желмогуз, дегеле сыр билгизбейт, - Айымбү баласын тике карай албай сүйлөп жатты.

- Бакса багат да таштап кетсе, аны эмне кыласыз апа, - деп тим болду Садырбек, - Ташталганын айтпай баккандарына рахмат.

- Асылкүл ыйлап келиптир, ошол баланы мага алып бергиле деп.

- Эмне кылат экен, кайсынысы болду экен?

- Эң кичүүсү го…

- Бакбергенби?

- Ошол окшойт.

- Эмне болсо ошол болсун, чай барбы апа?

- Тамак бышып жатат балам, Чынара эки күндөн кийин келем деп кетти, айтты беле сага?

- Ооба, кайната ооруп жаткан тура апа, турса туруп келсин.

- Балдарым жок оңкулдап жатпайынбы, бирин алып калбай.

- Келет да, - Ошол бойдон эне-бала сүйлөшпөй отуруп калды.

Эртеси Асылкүл кайра келди, анын жаны жай албай күйөөсүнө бала багып алаарын айтып көндүрүп келген. Кызын көргөн Айымбү тике карай албай:

- Келдиңби кызым? - деп койду.

- Келдим, Чынара келсе бир жооп угайын деп келдим.

- Кандай жооп?

- Баланы мага берсин деп келдим апа.

- Ботом, ошончо чоңойтуп коюп бермек беле?

- Энеси табылса берип коет элем дебедиби кудагыйың.

- Анан сен менин балам дедиңби капырай? - Айымбү ормое карап калды кызын.

- Жөн эле багып алайын дедим, - Асылкүл апасына тикирейе карады. - Апа, менин баламдын бутунда калы бар болчу, мен көрдүм, Бакбергендин бутунда дал ошондой кал бар экен.

- Качан көрдүң эле ботом?

- Ошондо эсимди жоготкомун апа, өзү дагы Турсунбектин эле өзү экен, куюп койгондой окшош, көздөрү каш кирпиги төгүлөт, - Кабагын бүркөй улутунуп алды, - Аябай кордошот экен, биз барганда Венера уруп жатыптыр, менин жүрөгүмдүн сыздаганын билесиңби, зорго чыдап турдум, - деп ыйлап ийди, - Мени тирүүлөй өлтүрдүң апа.

- Кой кызым, сен жөн эле окшоштуруп жатсаң керек, сенин балаң жок кызым, эл укпасын, берсе багып ал, бирок көнөөр бекен ошол бала?

- Өзүмдүн колума келсе эркелетип багып алам апа, сен коркпочу, менин балам деп айтпайм, бербесе сыртынан көрүп күйүп жүрүп өтөм го апа?! - деп көз жашын токтотпой ыйлай берди, - Ал менин эле балам, ушунчадан ушул айылга алып келип таштаганча үйгө алып келип багып койбойт белең, эгер аны таштанды атандырбасаң мен төрөп алат белем ошого кантип бардың апа?

- Болдучу кызым, өзүңдү кыйнай бербей, өзүм да барып бир көрүп келейин, сырын тартып көрөйүн, мынчалык эле күйүп быша бербечи, дегеле ошол баласын байкаган эмес экенмин, жакшылап көрөйүнчү.

- Апа, ошол үйгө таштаганыңды кантип билбейсиң?

- Эзбечи капырай, Садырбек дагы келип калса угат, - Айымбү кыйпычылыктай жүзүн буруп ордунан туруп кетти, Асылкан үндөбөй калды, ал күнү апасынын ар жагынан, бер жагынан чыгып сурап чындыгын уга албады: "Акыры айтасың апа, менин тирүү баламды өлдү дегениңе ишенбейм", - деп ойлуу бир жерди теше тиктеп отура берди. Эртеси Чынара эки баласы менен келип калды, аны көргөн Асылкүл утурлай алдынан чыгып жүрөгү лакылдап, мууну титиреп: "Ай кудай ай, жакшы кабар уксам экен", - деп келининин көздөрүнө тигиле зорго үн катты:

- Чынар, мага айтаар кубанычтуу сөзүң барбы?

- Эже, макул болду, атам жооп берди.

- Оозуңа май алтыным, - Асылкүл Чынараны кучактап өпкүлөп ийди да үйдү көздөй жүгүрдү, - Апа, апа дейм, мен бактылуумун апа!

- Эмне болуп кетти ботом? - деп Айымбү үйдөн чыга калды.

- Уулдуу боло турган болдум, - Асылкүл толкунданганынан калчылдай күлүп да, ыйлап да сүйлөп жатты.

- Токтоо болчу кызым, болсун-болсун.

- Мен үйгө барып Анарбекти алып камынып келейин апа, сен биз менен барасың ээ? - деп шашкалактап жөнөдү.

- Ой токтой тур, сүйлөшүп алалы, кир ботом үйгө, кичине демиңди басып алчы, - Айымбү кызына ичинен боору ооруп турса дагы токтоолук кыла карап токтотту. Кирип отурушкандан кийин сүйлөшүп, кеңешип анан күйөөсүнө жөнөдү, эртеси Анарбек менен Асылкүл келип калды, бир койду өңөрүп алып ат менен келишти. Таттуу-паттууну мол алып куда-кудагыйына бир сыйрадан адеми кийит-кече кылып, он миң сомду чөнтөгүнө салып алышты да Айымбү болуп барышты. Батийна базарда болчу, Шамалбек чакырып келди, сөздү Айымбү баштады:

- Куда, биздин бул жосунубуз жакпай тургандыр, бирок бизди туура түшүнгүлө, Асылкүл он чакты жылдан бери төрөбөй жүрөт, бөлөк-бөтөн эмеспиз, балалуу өрдөк талпынса балапандар чуу болот, баласыз өрдөк талпынса жез канаты куу болот, дегендей баланын зарын тартты…

- Кудагый, кантип түшүнбөйлү, туура эле түшүнөбүз, бирок бул көтөрүп келгениңерди уккан эл баласын сатып жатат дешет го, кудачанын жайын угуп Чынарага макул деп койдум эле, - деп Батийна уялган болуп шыпшына калды, - Эми Бакы бараар бекен?

- Бала эмеспи, өзүм сүйлөшүп көрөйүн, - деди Анарбек.

- Азыр кирет, - деп Батийна кызын карады, ал акырын чыгып барып Бакбергенди кийинтип алып кирди, Асылкүлдүн көздөрүнө жаш толуп Турсунбекти көргөндөй болуп улам колдорун ушалап муундары калтырап отурду. Айымбү баланы көрүп эле: "Кудуретиңден айланайын кудай, ушунчалык дагы окшоштук болот экен да, тим эле өзү тура", - деп отургандарга байкатпай жакасын карманып койду. Сатар менен Батийна кеңешип өзүңдүн ата-энең келип алып кетет деп көндүрүшкөн эле, бирок Бакбергенге баары бир болчу, азаптан кутулуп, келтек жебей тынч жашаса эле болду да. кирип келип эле төрдө отургандарды бир сыйра карады да Асылкүл менен Анарбекти теше тиктеп:

- Менин өз ата-энемсиңерби? - деди, алар бири-бирин карап бир саамга карап калышты.

- Ооба уулум, сенин ата-энең болот, - деп Айымбү баш ийкей күлүмсүрөп карады, - Кел-келе гой садага.

- Жок, мени таштап кеткен ата-эненин кереги жок, эмнеге мени таштанды кылып таштадыңар эле?

- Уулум, андай дебе, - Сатар ички бөлмөдөн зорго басып келди, - таштаган эмес го, сени башкалар уурдап келип таштап койгондур, - Анын ар бир сөзү Асылкүл менен Айымбүнүн жүрөгүнө октой тийип жатты, - Сени жоготуп ийип издеп таппай жүргөн тура.

- Калп, өздөрү баккысы келген эмес да, - Бакберген чакылдай сүйлөп артына бурула бермек болгондо Асылкүл кармап калды:

- Уулум, уулум менин, келчи мага, келе гой.

- Жо-ок, мени алдабагыла, - деп башын бурганда Батийна ага көзүн алайтып койду эле Бакберген токтоп калды, бала болсо дагы: "Эмне болсо ошол болсун, токмоктон кутулайын", - деди да Асылкүлдү карады.

Венера тамак асып коноктоду. Көпкө отурушту, дасторконго бата кылаарда Айымбү:

- Куда-кудагый, мындай болот деп ким ойлоптур, бала эки үйдүн ортосундагы эрке бала болсун, силерге дагы каттап турат, ансыз да айрылышпас адамдарбыз, бизге бата берип койгула, - деди алакан жая. Баары бата кылгандан кийин Асылкүл Бакбергенге өзү алып келген кийим-кечелерди кийгизип эки бетинен өөп бооруна кысты:

- Көлөкөм менин, менин кулунум!

- Жүр балам эми, үйгө баралы, - деди Айымбү шашыла байкап калышабы деп ичинен кыжаалат болуп жатты. Бакберген чоң кишидей тыпылдап Сатардын жанына келип мойнунан кучактап:

- Ата, мен келип турам, сени жакшы көрөм, - деди да бетинен өөп Жамалбек менен Шамалбектерди да кучактап, - Мени унутпагыла, - деп Анарбектин жанына келди, - Апа, жакшы калыңыз.

- Аман жүр балам, келип тур, - деп Сатар көзүнө жаш алганда Анарбектер үйдөн баланы колунан жетелей сыртка чыга жөнөштү. Бакберген короодон чыкканда артын бир кылчайып карады да Анарбектин алдына түшүп жөнөдү. Айымбүнүн үйүнө келишип андан ары өз үйлөрүнө жөнөштү.

- Эмнеге мени таштап койдуңар эле? - деди жолдо келе жатып Бакберген, ан сайын Асылкүлдүн жүрөгү "зырп-зырп", этип сайгылашып баратты, - Мени таштанды деп уруп сабашат, ошондо мени төрөп таштаган аялды жек көрүп кийин көрсөм өлтүрөм деп жүргөмүн да.

- Эми сени эч ким урбайт уулум, анткени өзүңдүн ата-энеңбиз, аларга кааласаң барбай эле коесуң, макулбу?

- Атам мени балдар үйүнө тапшырам деген да.

- Анан?

- Апам болбой койгон, баккан мээнетибизди актасын деп.

- Унут балам, баарын унут, үйгө барып сага той беребиз, - деп Анарбек сүйлөшүп баратты. Асылкүлдүн али да калтырагы басылбай: "Кудайым ай, Анарбек өзүм төрөгөн бала экенин билип калса эмне дээр экен, андай болсо ажырашып аламын да балам менен жашай берем, баламды мындан ары кор кылбай багышым керек, ал үчүн колумдан келгенин бүт жасаймын", - деп келе жатты. Бакбергенди багып алгандыгы үчүн туугандарын чакырып той берди, ошондо Турсунбекке окшошуп турган тестиер баланы көргөн курбусу ичинен ойлонуп калды, анткени ал курбусу Умсунай жакын кайнилеринин бирине турмушка чыккан эле. Турсунбек менен Асылкүлдү өзү тааныштырып, көп жолу күбө болгондуктан баланы дароо эле окшоштурду. Бирок Асылкүл ага сыр бербеди, сырын да айтпайт. Умсунай эптеп ыгын таап сурамак болуп көңүлүнө түйүп койду. Бакберген оңуп эле калды, аппак шейшепке жатып, курсагы ток, жумуш жасабайт, Асылкүл болсо көзүнүн агы менен тең айланып ар түрдүү тамак жасап берип турат. Бара-бара көңүлү өсүп күз келгенде мектепке бара баштады, анын фамилиясы Калдаров Бакберген Сатарович эле, эми Асылкүл күйөөсүнө баланын күбөлүгүн жасоону айтып аракет кылып бир жыл дегенде зорго Ысмайылбеков Бакберген Анарбекович деп каттатып алышты. Бакберген сабактан жалаң бешке окуйт, Анарбек бара-бара ага көнүп имерилип баратты, өзү сүйкүмдүү бала, аталап жанынан чыкпайт, машинасына түшүп алып жумушуна чейин барат.

Умсунай атайын бир күнү келип калды, Асылкүл түшкүгө тамак жасап жаткан, уулу ойноп жүргөн, аны өөп үйгө кирди.

- Кандай Асыл, балаң менен көнүшүп калдыңбы?

- Ооба, кудайга шүгүр, өзүңөр кандай жатасыңар?

- Жакшы эле, деги экөөбүз көптөн бери сүйлөшпөй да калдык, баламды кайненеме таштап кенен кесир отуруп келейин деп эле келдим, - Умсунай күлүп төргө өттү.

Асылкүл дароо эле сезди, анын эмне ой менен келгенин.

- Келгениң жакшы, уулуң чоңоюп калдыбы?

- Киши болуп калды, бирок боюма болбой кечигип жатат, жалгыз бала менен каламбы деп коркуп кетем ай.

- Коркпо, баса менин дагы боюмда барбы деп ойлоп калдым, ичим бүлк-бүлк этип калчу болду, кудай берээрин унутпаса болот да.

- Эмне, сен талгак болбойсуңбу?

- Жок, мен эчтеке билген жокмун, ошону үчүн ишенбей жатам да.

- Акеме айттыңбы анан?

- Тактамайынча айткандан корком, билинээр билинбес эт тарткандай эле болот, кантип ишенем, - Асылкүл үстөл үстүнө даамды жайнатып чай алып келди, - Мен Бакыны чакырайынчы.

- Ал балдар менен ойноп жүрөт, тим кой, ээн-эркин сүйлөшүп отуралычы.

- Ма-акул, чай ич.

- Асыл, мен сенден бир сөз сурайынбы?

- Сура, кандай сөз?

- Бакыны көргөндөн бери эле баягы Турсунбекти эстечү болдум, бара-бара бала куюп койгондой болуп баратат, ушу сенин эле балаң окшойт деп ойлоп калдым. Экөөбүз курбу элек, ушунча дагы сырга катуу болосуңбу? - Таарыныч кыла карады.

- Умсун, сен жаңылып жатасың, адамга-адам окшош боло берет эмеспи, балким Турсунбектин башка дагы ойношу болгондур, - Асылкүл кыртышы сүйбөй кабак чытый айтты муну.

- Кечирип койчу, өзүмчө аябай ойлондум да, сен болсо айтпай-дебей жоголуп кеттиң, мен Нуралыга чыгып алдым, ошентип жолукпай калдык эле ошол кезде, анан сурап жатам да.

- Сурай бер, бирок чындык ошол.

- Мейли эми, балаң ак жолтой болуп артынан төрөп алсаң ажеп эмес, мен барайын анда, - Умсунай козголуп калганда Асылкүл:

- Ой тим эле кенен-кесир отурам дебедиң беле, эми кеткиң келип калдыбы? - деди жаркылдай күлө, - Канчадан бери курбу катары сырдашпай абысын болуп сүйлөшүп, бири-бирибизден алыстап баратканыбыз чындык го. Тамак бышып жатат, үйдө бир жакшы вино бар, сүйлөшүп отуруп ичели эми, - Асылкүл ашканасын көздөй бурулду, - Отура тур, мен тамакты алып келем азыр.

- Ай мейличи, ырас эле, экөөбүз анча сырдашпай калдык ай.

- Менин кубанычым койнума батпай турган кез, уулум абдан акылдуу, сабакты да жакшы окуп жатат. Боюма болуп калдыбы деген илгери үмүт жүрөгүмдү толкундатып эч жанга сыр айта элекмин, келгениң жакшы болду, - Асылкүл тамагын алып келип беш бармакты койду, үстүнө чык куюп, тууралган этти салды да Умсунайдын алдына семиз кабырганы койду, - Ал абысын, ниетиң туура экен, тамак бышканда келип калыпсың, - деди да жылмая 0,7 бөтөлкөдөгү винону көтөрүп келди:

- Оо-уу, муну ичип алып экөөбүз ырдап калабыз го? - Умсунай каткырып күлүп калды.

- Айда-жылда бир ичсек эмне болот экен, эчтеке болбойт.

- Акеме койдуңбу ыя?

- Ага калат да, баласы экөөнө аштын алдын салып койдум.

- Азаматсың эй, акемди абдан сыйлайсың.

- Ошентип сыйлап турсам да жаш кезде мени кетирип жиберген, тагдыр экен, кайра минтип жашап жатабыз. Эки-үч жыл эки жакта болдук, ал дагы түшүндү окшойт, ары басты, бери басты, бирок менден башканын кадырына жетпесин билди окшойт, - деди Асылкүл ойлуу, - Кел эми тамактын алдында мындан алып коелу, - деп бокалды көтөрдү.

- Макул, бала кездеги жакшы кездерди бир эстешип алалычы, - Экөө тең алып ийишти, - Бул "Кара көз" винону кайдан алып жүрөсүң?

- Анарбек ичпейт эмеспи, өткөндө бирөөлөр алып келген, акеңдин иши жакшы, белек-бечкектер келип турат, атайын сага буздум да, бул вино жаңыдан чыгып жатпайбы, - Абысын курбулар шарактап күлүп отуруп бешбармак менен вино ичип отуруп бир топ кызуу болуп калганда Бакберген кирди, - Кел каралдым, келе гой, - Асылкүл аны өзүнө чакырды эле бала жакын келди, бир аз бою өсө түшкөн, - Берекем десе, кудайым өзү кайрып берди да ушуну, - Асылкүл туруп барып бир жиликтин башын салып өзүнчө тамак салып келип алдына койду, - Тамагыңды иче кой садага, ойноп жүрө берип ачка болосуң, кардыңды тойгузуп алып ойночу.

- Азамат Асыл, уулуң жакшы адам болот.

- Айтканың келсин, Умсун.

- Көздөрүндө турбайбы, бирөөнү элестетип жиберет да, - Умсунай жылмая Асылкүлгө көзүн кысып койду.

- Койсоңчу, уулум өзүмө эле окшош, көздөрү бакыракай, сулуу жигит болот, - Эңкейе жаагынан сылап чекесинен өөп койду.

- Алдабагылачы, - деп койду Бакберген кашыгын кармап туруп, - Мен баарын билем, мени асырап алдыңар го?

- Уулум, антип айтпай жүр, сен өзүбүздүн эле баласың, жоготуп алып зорго таппадыкпы.

- Сизди жакшы көрөм, атамды дагы, мени мурда эле силердин эшигиңерге таштаса жакшы болмок, тигил апам мени жаман көрчү, - дегенде Асылкүл кучактай калды:

- Болду-болду садагам, аны эстебе, эми сени биз атаң экөөбүз тең жакшы көрөбүз, - Бети башынан өпкүлөп көзүнүн жашы төгүлүп кетти, - Сени эч кимге кор кылбайм каралдым, жалгызым менин, кичинекей сүрөтүм менин, - деп жатканда Анарбек кирди.

- Эмне болду?

- Келиңиз аке, - Умсунай ордунан тура калды.

- Отур, отура бер Умсунай, мен жуунуп келейин, - деп Анарбек костюмун чечип илип сыртка чыгып кетти.

- Ии-ий бетим, мен кетейин Асыл, уят ай мен кызып калдым.

- Отура тур эми.

- Койчу ай, эки бетим кызарып билинип турабы ыя?

- Билинсе билинет да, ууру кылып жаттык беле.

- Ошентсе да уялат экенсиң ай, кайнага калтайбаса, келини келтейбейт дегендей ичип алып отурганым болбос, кайненеме билгизбей барып иш кылып калайын, - деп болбой тура жөнөдү.

- Мейли эми, барсаң бар курбум, кандай болгон күндө дагы биз теңтуш курбу бойдон калабыз да, - Асыл Бакбергенге кайрылды, - Мен жеңеңди узатып келейин балам, тамагыңды иче бер.

- Макул, апа.

- Каралдым десе, аман жүрсөң болду, - деп күлүңдөй Умсунай менен эшикке ээрчише чыкты, - Кудайга шүгүр, уулду болуп көңүлүм айттагыдай болуп эле калды.

- Кут кылсын, курбум.

- Рахмат.

- Келин бала кетип жатабы, Нуралы үйдөбү? - Анарбек алдынан чыга калып суроо узатты.

- Аа-а аке, Нуралы үйгө келе элек эле…

- Аа-а, мейли анда, эгерде келсе мага жолуксунчу.

- Макул, - Умсунай дарбазадан чыгып жөнөдү, Асылкүл узатып коюп кайра кирди.

- Уулум экөөбүз машина үйрөнөбүз, апасы, кандай дейсиң? - деди үйгө киргенде Анарбек, - Эртең колум бош, Бакыга машина айдаганды үйрөтөйүн, жигит болуп калбадыбы, мага жардамчы болот.

- Макул, ата-бала өзүңөр билесиңер да, - деп жылмайган Асылкүл күйөөсүнүн алдына тамак койду, - Кардың ачкандыр.

- Айтпа, чоңдор эсеп-кысап жүргүзүп, депутаттар биринин артынан бири келип укмуш эле болуп жатышат, баары эле мени шайлагыла дейт, байкуш карапайым элдин бийликке жакшы, адилеттүү оңдой турган адам келсе деп көзү катып жатканын кайдан түшүнсүн, арык аттап, суу кечип, максаттарына жеткенден кийин көчүгүмдү бөрү жесин деп кете беришет да.

- Ошо элди силер үгүттөп айтпайсыңарбы, берген акчасына алданбагыла, татыктуу адамды дайындайлы деп.

- Ой кимисин үгүттөп жетишесиң, карасаң эле мен тигинде иштеп жатам, мен мындамын деп калышат.

- Нысаптуусу чыгаар эми, баары эле кантип жеп-ичип кете берсин.

- Эк, буйруган жашоо болоор, түбөлүктүү ким бар дейсиң, напсилерин тыйбай жүрүп да элдин нааласын алып кете беришет да, экөөбүзгө саясаттын эмне кереги бар? - Анарбек тамакка кашык салды, - Биз уулум экөөбүз өз жашообуз менен эле болобуз, ээ Бакы?

- Ооба ата, сен мага машина айдаганды үйрөтсөң дайыма жумушуңа айдап барып шоопур болом ээ? - Бакберген эдиреңдей карады.

- Ананчы, менин шоопурум болосуң.

- Ур-ре, мен анда шоопур болуп иштейт экенмин да.

- Ар дайым экөөбүз бирге болобуз, кээде апаңды салып алабыз, - Анарбек баланы ого бетер кубантып, өзү дагы эргий күлдү, - Же апаңды салбай эле коелубу?

- Салабыз, мен айдаганда апам алдыга отурат, сен артка отурасың, - Бакберген кудуңдап койду.

- Менден да апаңды жакшы көрөсүңбү?

- Экөөңөрдү тең жакшы көрөм, бирок апа деген алдыга отуруш керек да, - деди да Бакберген Анарбекти карап ойлоно калды, - Ата, мага таарынып калдыңбы?

- Жо-ок, менин акылдуу уулумдун айтканына эмнеге капа болот элем, сен эң туура айтасың, уулум, - Анарбек баланы башынан сылап койду, - Тамагыңды иче гой. Баса, баккан атаңдарды сагынган жоксуңбу?

- Жо-ок, - Бакберген башын чайкап, кабак бүркөй жер карады, - Атам эмне болду экен, ооруп жатты эле да.

- Эртең экөөбүз барып келелиби?

- Чынбы? - Бакберген көздөрүн жайната кубанычтуу карады.

- Чыпа-чын, машина үйрөнгөнү чыгабыз да атаңды көрүп келебиз, эми уйкуң келсе жатып укта эрте турабыз, - Алар сүйлөшүп жатканда Асылкүл жылмая тиктеп көз алдына Турсунбек элестеп үнсүз гана уулун элжирей карап отура берди, баланын ар бир кыймылында окшоштук да бар эле: "Кудайымдын ушунусуна да шүгүр, туяксыз-туубас деген сөз артымдан айтылса дагы кайылмын, убактысы келгенде ачык айтам, Анарбектин жакшы кабыл алганына ыраазымын, балам жок деп арман кылса аял алганга жооп берем, балам менен өз жашоомду өткөрө берем", - деп ойлонуп отурганда Анарбек:

- Асыл, дасторконуңду жый, - деп калды, - Эс алалы.

- Ийи…

- Сага эмне болду?

- Эчтеке, - Асылкүл жыйнап бүтүп орун салып Бакбергенди жаткырды да өз ордуларына жатып калды.

- Эмнеге көп ойлоносуң Асыл, минте берсең ооруп каласың.

- Ойлонгонум жок.

- Бир ойлонсоң эч нерсени укпай да каласың, мына балалуу дагы болдук, асырап дагы мээримибизди төгүп, жүрөгүбүздөн орун берип, өз балабыздай өстүрсөк мээнетибиз текке кетпейт, Бакы зээндүү, акылдуу өтө тың бала боло турган, - Анарбек аялын кучактап жатып сүйлөп жатты, ал аны төрөбөгөнү үчүн капаланып жүрөт деп ойлочу, - Өкүнүчтүүсү баарын билип калганда колубузга келгени, төрөлгөндө эле колубузга тийгенде шаарга кетип калып бакма экени билинбей калмак экен.

- Анаке, эми деле боор берип ата-апа деп калбадыбы. Бала да, көнүп кетет, бизди түшүнөт, - деп Асылкүл көңүлү ток ынандырмак болду, - Жаман менен жакшыны түшүнүп, кимдин кандай көз карашта экенин билип калган тура.

- Ооба-а, жетим кекчил, өгөй өөнчүл дегендей тигилерден көргөнүн эсинен чыгарбайт го?

- Бала эмеспи, унутуп кетет.

- Экинчи ойлонбой жүргүн, - Анарбек Асылкүлдү өөп койду.

- Өзүмдөн бала жок деп бир кезде өкүнбөйсүңбү, Анаке?

- Андай сөздү айтпай жүр, сен жанымда болсоң болду, жашообуз ойдогудай, тууган-туушкан бар, дос-жарлар кудайга шүгүр, эми биздин бир чоң милдетибиз - Бакыны адам кылып тарбиялоо.

- Туугандарың өзү төрөбөй бала багып алып Анарбектин башын айлантып алды, дешип жатканын уктум, ушундай сөздү угуу мага деле жеңил эмес го?

- Кабатыр болбо, мен турганда элдин сөзүнө кулак салба, айтса айтып кала берет, аларга көңүл бурба, чүнчүбө жаным.

- Менин колумдан эмне келет? - Асылкүл улутунуп алды, - Сенин жолуңду байлабасам болду.

- Эч кандай, сен менин жолумду тосконуң жок, али жашпыз, кудай берээрин унутпасын дешет го?

- Аның туура дечи, бирок эми мен төрөй албай калдым го?

- Кудай билет, баса Асыл, бир жаш бала баарын билет экен дешип жатат, ошого барып келсек кантет, бирок ага анча-мынча кишини киргизбейт дейт, тааныш таап ич арадан көрүнсө болот дейт, анткени бала өтө жаш экен, ата-энеси ачыкка чыгарышпайт имиш, жанагы бийлик талашкандардын кимди-ким өлтүргөнүн айтып коюп аны текшерүүгө алып кетмек болуп врачтар келгенде бербей коюшуптур.

- Ошончо күчтүү бекен?

- Аябай, бирөөнүн ую жоголгон экен, үч күн катып отурушуп изи сууй баштаганда соймок болуп жатканын, кай жерде экенин айтып бериптир, ишенип ишенбей барышса айткан жерде экен да.

- Ой-ий, укмуш го, көрүнүп келиш керек экен анда.

- Баралы ээ? - Анарбек эңкейип чекесинен өптү.

- Баралы.

- Эбепке себеп дегендей болуп көрүп берсе жакшы.

- Жакшы кабар угуп келсек кана? - Асылкүл улутунуп жиберди.

- Улутунбачы, бала сыяктуу назик жансың да, болду уктайлы, биз эрте турабыз, а сен шашпай эле тур, - деди да одеалды кымтылап аялын бекем кучактап алып унчукпай калды. Экөө тең өз-өз ойлору менен алышып жатып анан уйкуга киришти.

Эртеси Анарбек эрте туруп Бакбергенди кийинтип машинасына отурду да:

- Кел менин алдыма отур, - деди. Бакберген уйкусу ачылбаган түр менен анын алдына отурду, Анарбек аны артынан кучактап рулду кармап машинасын от алдырып айдап короодон чыкты, ал түз эле апасына барды, апасы алтымыштардагы күүлүү-күчтүү аял, аты Селки, бакылдап-шакылдаган эне. Айылдын орто жеринде турушат, эң кичүү иниси менен чогуу, анын үч баласы бар. Анарбек келгенде Селки эшикте болчу, жаңы гана турган.

- Кел балам, жайчылыкпы деги? - деди утурлай, уулун ээрчий түшкөн Бакбергенди эки бетинен салкын өөп койду, - Мынчалык эрте келгениңе таңгалып турам, жөнөкөйдө келчү эмес элең.

- Апа, Бакы экөөбүз бүгүн өзүбүзчө машина айдаганды үйрөнөлү деп эле эрте чыктык, - Анарбек күлүп койду.

- Ии-йи, ошондой эле болсун кагылайын, киргиле үйгө, - деп Селки алдыга басып эшик ачты, - Балдар тура элек, баары уйкуда.

- Уктай беришсин, мен Бакыны уйкудан ойготуп алып келдим, эрте турганга көнгөнү жакшы эмеспи, туурабы апа?

- Ооба балам, эрте турган жакшы эмей.

- Уулум бышык жигит болот, буйруса, - Бакбергендин башынан сылай колтугуна кысып күлүп калды, - Эмитен баардык нерсеге көндүрөйүн деп жатам, апа.

- Ошент балам, - деген эне үшкүрүнө ордунан турду.

Бакберген төшөктүн этегине кыңкайып жатып уктап кетти, Анарбек ага үйрүлүп түшүп:

- Уулум, тура гой, тиги чоң апаңдын ордуна жатчы, - деп ойготуп жаткырып апасы алып келген чайдан ичип отурду:

- Балам ай, өзүңдүкү болбогон соң бирөөнүн баласынын зарылдыгы бар беле, андан көрө Асылды кое бер, төрөй турган аял ал, балам, - Селки кейий сүйлөдү.

- Апа-а, келсем ушинтесиңер анан, келбей койсом таарынасыңар.

- Менин айтканымды уксаң жакшы болот эле…

- Асылды кетире албайм апа, болот Бакы эле, татыктуу ата-эне катары ушуну тарбиялап алсак ошол жетет, - Дулдуя чайын ууртап чынысын дасторконго койду.

- Жо-ок балам, азыр сен ошенткениң менен бул баланы тууган-урук кабыл албайт.

- Мен баламды көз каранды кылбайм, апа.

- Ушундайда балалуу болсоң болот эле, мына кичүү иниң да үч балалуу болуп калды, Асыл жакшы келин, айла канча балам, жүрө берсең убакыт деген учкул, өмүр бат эле өтүп кетет, адам деген жарыктыкка келген соң артында тукум калтыруусу парз, - деп кейий баштаганда Анарбек ордунан тура калды.

- Апа, келсе ушинтип мээни жейсиңер, келбей койсом таарынасыңар! Мен Асылдан ажырабайм, убара болбогула, анын артынан жаман сөз айтпагыла, - деди да эшикке чыгып кетти.

Селки өзүнчө наалып, кейип-кепчип сүйлөнүп жатты:

- Бул баланын башын айлантып алган го, кайдагы бир таштанды баланы алып келип биротоло кеткис болгон экен.

- Чоң апа, - деди жаткан жеринен башын көтөргөн Бакберген, - Атам менен апамды өзүнүн баласынан да жакшы карап багам, көрөсүз го, мен аларды бактылуу кылам, - Бакберген ушинткенде Селки делдейе бир аз карап калды да: "Ботом уктап калбады беле, бала туруп акылын кара, чоң кишидей түшүнгөнүн кара", - деп ойлоп ийди да:

- Ии-йи алдыңа кетейин, мен сени айткан жокмун, уйкуң канып калдыбы? - деди жанына келип.

- Мен ойгонуп кеттим.

- Чай ичесиңби?

- Жок, атам кетип калдыбы?

- Жок, эшикте малын көрүп жүрсө керек.

- Мен дагы көрсөм болобу?

- Болбой анан, барып короо жакты карасаң, сага деген тай дагы бар, балам, - деди балага жаман айталбаган Селки.

- Атам мага айткан чоң апа, сенин тайың бар деген, аны минсе болобу, чоң апа?

- Ал азыр минги боло элек, келээрки жазда үйрөтсө болот уулум, - Селки назар сала карап балага мээри түшө жылмайды, - Сен деле ошол тайдай жатсың, чоңоюп даңгыр жолго түшөсүң, жакшы болсоң күлүк аттай ээлигип, жаман болсоң чобур аттай кашаңданып жалкоо атка коносуң, балам, - Ичи жылый карады.

- Мен кашаң болбойм чоң апа, көрөсүз го? - Бакберген эдиреңдей алдыга түшүп короого келди, Анарбек өзүнүн минги атын сылап-сыйпап, жал куйругун тарап жаткан экен, - Ата, менин тайым кана?

- Тигине балам, эмки жазда сен өзүң үйрөтөсүң.

- Оо, аябай жакшы тай тура, бирок ата бул тай жорго болбойт го? - дегенде Анарбек менен Селки бири-бирин карап калышты, - Анткени эки арткы аягы узун, туягы дагы өтө эле жука экен.

- Уулум, аны кантип билдиң? - Анарбек жанына басып келип сурады.

- Көрүнүп эле турбайбы? - Бакберген күлүп койду.

- Элдин көзүнчө минтип сүйлөбөй жүр, алар башкача ойлошот.

- Макул, сүйлөбөй эле коеюн, бирок мен жорго, күлүк боло турган жылкыны дароо билем, баягыда Нарын акенин байталын көрдүңүзбү, ошонун кулундарынан алса күлүк чыкчудай экен.

- Ошондон сага алып берем, ат чабасыңбы?

- Ананчы, өзүм таптап туруп анан чабам, ээ? - деди көздөрүн жайната Анарбекти карап.

Унчукпай калышты: "Ат таптаган саяпкер болуу оңойбу, илгери чанда болгон экен", - деп Анарбек ойлонуп калганда:

- Балам, сен ат таптаган саяпкер болгуң келеби? - деп Селки башынан сылай тигилди.

- Ал эмес бүркүт кармагым келет.

- Болуптур уулум, биз эми кетели, чоң апаң менен коштош.

- Чоң апа, жакшы калыңыз, - Бакберген чакылдай ушинткенде Селки аны кучактап өөп:

- Бара койгула уулум, кудай колдосун, ата-энеңе кам бол садага, - деп ичи жылый жөнөтүп кала берди.

Анарбек жолду гата Бакбергенди ойлонуп жатты, алар Сатардын үйүнө келип токтоду, Сатар таптакыр ордунан турбай калган, ага кирип эңкейип бетинен өөп:

- Ата, сен жакшы болуп кетесиң, көрөсүң го ар убак сени ойлогондо түшүмө киресиң, ошондо бир адам сени дарылаган, ал сени сакайып кетесиң деген, он күндөн кийин туруп басып каласың, - деди акырын.

- Оозуңа май балам, тилегиңден айланайын, эки жылдан бери оорунун азабын тарттым го? - деп Сатар каңырыгы түтөй алсыз унчукту, - Оору кордук дегени ырас экен.

- Сен жакшы болуп кетесиң ата, ашказаныңда сөөк бар окшойт, ошол өйүп жара кылыптыр, - деди, бул кезде Анарбек машинасында отурган, учурашып коюу үчүн кирди.

- Ассалоому-Алейкум Сатар аке!

- Ал-леки Салам, кел иним.

- Жакшы болуп калдыңызбы?

- Дурус.

- Жакшы болуп кетесиз, башкысы үмүтүңүздү өчүрбөй жашоого умтулсаңыз баары жакшы болот.

- Ошондой болсо кана…

- Үйдө башка эч ким жок беле?

- Эми келишет го, керээли кечке базарда, заман ушундай болуп калбадыбы, отур, отуруп чай-пай ичели.

- Жо-ок, биз кетели, Бакыны сизге учураштырып келейин деп эле келгемин, биз эми уулум экөөбүз саякатка чыгабыз, - Бакбергенди карап жылмайды, - Туурабы, уулум?

- Ооба, атам мага машина айдаганды үйрөтөт, ээ ата?

- Албетте, уулум мага шоопур болот буйруса.

- Рахмат айланайын, ушу баланы ойдогудай өстүрсөң эмгегиңди кайтарат, жалгыз өзүм калкалай албадым, - деди Сатар.

- Жакшы болуп кетиңиз, биз Бакы экөөбүз келип-кетип турабыз, - Анарбек Сатардын үйүнөн чыгып машинасына отурду, алдына Бакбергенди отургузуп алып машинанын тетиктерин айтып берип көрсөтүп жатты, - Адегенде тетиктерди унутпай жаттап алсаң эле үйрөнгөнүңө жакшы.

- Мен көбүн билем ата, - деп Бакберген кубанычтуу рулду бурап көңүлү көтөрүлө кетип жатты. Анарбек көп ойлонду, апасынын кейишин туура көрдү, бирок ажырашууну ойлогон дагы жок: "Эми кеч, Асылкүлгө да убал, баягы бойдон ажырашып кетсек мейли эле, эми бири-бирибизден ажыроо оор болот, өзүм дагы ага көнүп калдым", - деп ойлонуп улам Бакбергенди рулду карматып, өзү тормузду тээп башкарып баратты. Үйүнө кеч кирди, Асылкүл тамагын жасап алып аларды үрпөңдөй күтүп жаткан, Бакберген келгенден бери эле ал жанынан чыкса жоготуп ийчүдөй боло берчү болгон.

- Оо-ой ата-бала, деги кайда бардыңар, таң эрте кетип күүгүмгө чейин жоголгонуңар кантип болсун? - Жетип эле Бакбергенди кучактап өөп-өөп жиберди.

- А меничи, мени сагынган жоксуңбу? - Анарбек күлө карады.

- Экөөңдү тең сагындым атасы, айрыкча Бакыны жоготуп ала тургансып корко берчү болдум.

- Апа, мен эми жоголбойм, - деп эдиреңдеп үйгө жүгүрдү Бакберген.

- Апасы, эч кам санаба, уулубуздун зээндүүсүн айтпа, кечээ Нарын минип келген байталдын күлүк тууй турганын айтып таң калтырды, - деп Анарбек ыраазы боло күлүп айтып жатты, - Уулум башкача адам болчудай буйруса.

- Койсоңчу, бармактай бала эмнени билмек эле?

- Биз арнап алган тай жакпай калды.

- Ийи?

- Ошол, Нарынга сүйлөшүп кулунун сатып алыш керек.

- Бала немеге ишенгениңди кара, бас үйгө кир, силерди күтүп жатып ачка болдум, - Асылкүл күлө үйгө карай басты.

- Мен ишенем уулума, керек болсо бүркүттүн баласын таап берем, - Анарбек Асылкүлдүн артынан үйгө кирди.

Бакберген кийимин которуп кайра сыртка чыкты, андан кийин Асылкүл идиш-аягын жууп жатканда Анарбек Бакберген менен телевизор көрүп жатты:

- Ата, чоң апамдардын үйүндө чоң той болот го?

- Аны кайдан билдиң?

- Жана барганда сездим.

- Алар эмнеге той бермек эле, балдары али жаш, инилерим баары үйлөнгөн, кандай той болмок эле? - Анарбек чоң киши менен сүйлөшкөндөй ойлуу карады Бакбергенди.

- Карындашыңызчы?

- Ой бир эле карындашым бар, ал эжең күйөөгө эбак тийген, эки балалуу болуп калды, аты Карачач, - деп Бакбергенди эркелете башынан нукуп койду.

- Ошол Карачач эжем кызматтагы адамга күйөөгө чыгат экен, ал айылга чоң той берет го?

- Кой андай дебе, балдары менен, күйөөсүндө тынч жашай берсин.

- Көрөсүң го, менин айтканым чын чыгат, - деп койду бала. Анарбек өзүнчө: "Бул эмне деген бала өзү, же бирдемени билеби?", - деп ойлонуп Асылкүл киргенде Бакбергенди өз бөлмөсүнө алып кирип кетти. Бирок Анарбек Асылкүлгө эч нерсе деп айтпады. Эртең менен ойгонуп жумушка кетмек болуп жаткан Анарбекке карап Бакберген:

- Сен бүгүн машинаны айдабай эле койчу ата, - деди босогодон баш бага.

- Эмнеге? - Анарбек чоочуп кетти.

- Сенин жанагы депутатка иштегениңизди бирөөлөр көрө албайт экен, этият болуңуз, үч күн айдабаңыз, жаныңызда жакшы адамдар болсун, ата, - деп коюп кайра кирип кетти.

- Уулум, сен эмне эле деп жатасың? - деген Асылкүл Анарбекке үрпөйө карады, - Айтканына ишенем дебедиң беле, айдабай эле койчу.

- Бу бала кечээтен бери мени таңгалдырып жатат, мейли айдабай эле коеюн, - деп Анарбек ойлуу дарбазасынан чыкты.

- Уулум, атаңды сары санаа кылып койдуң да, антип сүйлөбөй жүрчү, - деди Асылкүл үйгө киргенден кийин.

- Апа, шайлоого карата көп иштер болот, эки киши белгисиз өлүмгө дуушар болот, алардын өлүгү да табылбай калат, - деп Бакберген айтканда Асылкүл аны кучактап оозун колу менен басып калды.

- Болду, сүйлөбөй жүр мындан ары.

- Макул сүйлөбөйм, атама каршы адамдар дагы бар экен, ал айыл өкмөт болом деп жаткан тура, - деди Бакберген тайманбай.

- Кудайым ай, сен аны кайдан билесиң?

- Көрүнүп турат, - деди Бакберген, - Эртең бир киши келет, көрөсүң го апа, анын ую жоголуптур, ал биздикине башка жумуш менен келет, а мен анын уюнун кайда экенин билем.

- Каякта экен?

- Ал уйду үч киши бир сарайга багып жатат, соебуз деп жатат.

- Болду, мындайды айтпа, - деп Асылкүл баласын ашканага алып кирди, - Кардыңды тойгуз дагы ойноп кел.

- Ойнобойм апа, ойносом көп нерселерди көрүп коем.

- Эмне дейт катыгүн, кудай сактай гөр!

- Апа…

- Эмне болду дагы?

- Жөн эле…

- Мейли анда кардыңды тойгузуп үйгө кир да дивиди көрө бер, - деди да алдына тамак койду.

Бакберген өзүнчө ойлуу отуруп тамактанып жатты: "Менин өз апам экен, атам билсе экөө катуу урушуп калат, билип анан алып келишкен тура, тайнем болбосо апам мени таштамак эмес", - деп ойлонуп Асылкүлдү карап коюп ичип бүттү да:

- Апа, мен ичтим, кино көрө берейин, - деп ички үйгө кирип кетти, оюндагысын айткысы келсе да өзү айтсын дегендей тим болду.

- Көрө бер, уулум, - деп Асылкүл ичтен сызып калды: "Көп кишиге сүйлөтпөш керек окшойт, Анарбекке айтып көзү ачыкка көрсөтүп же молдого дем салдырсак бекен, келгенден бери мындай эмес эле", - деп ойлуу ишин жасап жатты.

Ошондон тартып Бакбергендин жүрүш-турушу башкача болуп баратты, сыртка чыкпайт, окуу башталганда сабакка барып үйгө тез эле келет.

Күз келип жалбырактар сабагынан үзүлүп түшө баштаган, иниси Арстанбек азандан келиптир:

- Аке, Карачачтар келди, апам сени чакырып жатат.

- Эмнеге чакырат? - Анарбек инисин таңгала карады, - Келсе келишкендир да.

- Карачач бир министрге күйөөгө тийиптир, жүрсөң анан көрөсүң, - деди шаштыра. Анарбек ошондо гана Бакбергендин айтканын эстеди, кийине салып жөнөмөк болгондо Арстанбек, - Жеңемди да алып алалы, чогуу келишсин деди, - деп артына кайрылды, алар камынып жөнөмөк болуп жатканда Бакберген:

- Ата, балдарды да ойнотуп байге салганы жатат, бир кырсык болот, ошону тим койсунчу, - деди эле Анарбек менен Асылкүл тиктешип калды.

- Эмне деген той? - Асылкүл уулун карап сурады.

- Азыр барсаңар көрөсүңөр, чоң той жасаганы баарын алып келген, - деп ичке кирип кетти.

- Сен барбайсыңбы?

- Жок барбайм, мен тайнемкине кетем.

- Макул, барбасаң барба, үйдө эле болчу, - Асылкүл кабатырлана карады.

- Үйдө болбойм, - деп коюп жатып алды.

Анарбек менен Асылкүл жөнөп кетишти, экөө тең өздөрүнчө арсар ойго батып Селкиникине келсе төрт машина турган экен, он-он бештей чыкчырылган галстукчан, кара костюм шымчан адамдар, модалуу кийинген беш-алты аялдар сыртта жүрүптүр. Анарбек алар менен учурашып үйгө кирди. Карачач менен Селки сүйлөшүп жатыптыр, Карачачтын колунда беш-алты айлык баласы бар экен.

- Эмне болуп кетти, апа? - деди кирип эле.

- Балам, карындашыңдан сурачы, - Селки кайсактай башка бөлмөгө кирип кетти.

- Аке, мени кечирип койгула, Жоомарт экөөбүз ажырашып кеткенбиз, эки баланы алып калган, мен Төлөгөн Алымовичке чыгып алгам, бул балабыз, атайын алдыңарга келдик, - деди Карачач.

- Сен эки баланы оюнчук көрүп жүрөсүңбү ыя, мен бир балага жетпей минтип жүрсө, уят барбы, күйөөң менен ажырашканыңды неге айткан жоксуң? - Анарбек ачуулана карады.

- Кечир аке, мени уят кылбагыла, баары кызматтагы адамдар, мен уят болом, - Жер карап ушуну айтты Карачач.

- Ким болуп иштейт, аял, бала-чакасы бар бекен?

- Бир баласы үйлөнүптүр, аялы өлүп калган экен, өзү дыйкан-чарба министри.

- Мурдараак айтып койбойт белең анан, айтпай-дебей бизди да уят кылдың, - деген Анарбек кайра эшикке чыкты, алар келгенден бери Арстанбектин аялы Үмүт залды жасап түзөп, дасторкон жайып баарын даярдап койгон эле, Арстанбек сырткы ишин жасап отун-суусун даярдап эки келин боорсогун бышырып жатат, Анарбек конокторго басып барды да:

- Үй жакка кириңиздер, - деди.

- Кабыл алганыңыздарга рахмат! - деди үстүңкү тиштеринин баары алтын, жашы кырктарда көрүнгөн жигит, бирок анын өз жашы элүүлөрдө эле, жаш көрүнөт.

- Кыргыз элинин салтында жок, келген конокту кабыл албаган, - Анарбек аларды залга алып кирип жайгаштырды.

Аңгыча суусундуктар менен ичкиликтин түрлөрүн эки-үч жигит ары жакта турган бусиктен түшүрүп коробка-коробка конфет, печеньелерди алып кирип жатышты. Селки аларга орун көрсөтүп жүрөт, Анарбек атасы менен бир тууган агасы Самарбекти чакыртып келди, туугандары бат эле жыйыла түштү. Самарбек келгенден кийин алтымыштардагы адам тамагын кыра үнүн жасап сөз баштады.

- Аксакал, ушинтип ат арытып алыстан келип калдык, илгертеден алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз деген сөз бар, анын далили минтип эки жаштын кошулуп калганы, - Ал адам оң жагында отурган жанагы жигитке кайрылды, - Бул жигит силердин күйөө балаңар Төлөгөн Алымович, Кыргызстан дыйкан чарба министринин орун басары болуп иштейт, Карачач экөө табышып калыптыр, - дегенде Төлөгөн ордунан турмак болду эле:

- Отура бериңиз, отура бериңиз, - деди Анарбек.

- Мен тоо-кени боюнча инженермин, атым Аскарбек Куматов, - деп аңгыча жанагы адам өзүн тааныштырып жанындагыларды да айтып өттү, - Баарын сен тааныштырасың деп күйөө балаңар тапшырган эле, эми милдетимди аткардым окшойт, - деп карсылдап күлүп калды.

- Жакшы-ы, - Анарбек бир аз баарын кыдырата тиктеп алып сөзүн улантты, - Мен Карачачтын эң улуу агасымын, атым Анарбек, бул иним Арстанбек, менден улуу дагы бир эжебиз бар эле, биерде эмес, - Анарбек Самарбекке кайрылды, - Бу киши менин атамдын бир тууган иниси, аты Самарбек, - Аңгыча Селки менен Карачач кирди.

- Жакшы келдиңерби, балдарым? - Селки отургандарды карай учурашып күлүмсүрөй, - Отур кызым, төргө өт, кыз төркүнгө келгенде мейман болот, - деди Карачачты карап.

- Бул биздин апабыз, таанышып коюңуздар, аты Селки, илгери бир манаптын кызы болгон экен, атасы кулак болуп кеткенде тагасынын колунда калыптыр, - деди Анарбек күлө Селкини көрсөтүп, - Азыр дагы ачуусу келгенде баарыбызды кулундай гана кууруйт го манаптын кызы, андыктан коркууга туура келет, - дегенде Төлөгөн тура калып эки колун бооруна алып:

- Саламатсызбы, апа? - деп эңкейип койду.

- Кудагый, адатта кыз алган жак кулдугум бар деп кулдук уруш керек эле, биз деген жетимиш жыл бою социализмдин убагында кудай жок деген заманда тарбияланып, элдин салтын унутуп калганыбызды кара, - деп Аскарбек Куматов Селкиге карады, - Сиз ушул үйдүн ээси, аял болсоңуз да башчысы экенсиз, кулдугубуз бар, биздин бала менен сиздин кыз бири-бирин каалап калганы бизди бир дасторкондон даам татууга мажбур кылып отурат, күйөө балаңыз - Төлөгөн Алымович, мен сиздерди тааныштырып коюуга аргасызмын, - Аскарбек Куматов өзү ичинде коньяктын градусу удургуп жаткандыктан эмне деп айтып жатканын да сарасеп салбады, - Сизди манаптын тукуму дейт, илгерки манаптардан азыркы манаптардын бийлиги эмес сөзү да күчтүү, илгеркилер кулду ачык жумшаса, азыркылар билгизбей жабык кул-күң жумшап жатпайбы!

- Балдарым, - деди Селки токтоо, - Мен болуштун эң кенже уулунун кызы элем, чоң атам кулак болгондо атамды да куугунтуктап апам байкуш төркүнүнө мени алып качып кетип калган экен, ошол бойдон өз атамды билбей кийин гана угуп-билип төркүндөрүмө каттагамын, ал эми өткөн иш, эми мен кызымдын кандай жерге, кандай адамга туш келгенин угайын, - деди Аскарбекти карап, - Бул жерге элчи катары келгениң көрүнүп турат, эми менин көөнүм тынып калсын, күйөө баланын дайынын, мурдагы кайынынын айылын угайын.

- Дайынын уккуңуз келсе кадимки Алайдан чыккан Каныбек баатыр мине качкан Ак-Жалдын ээси Айдарбек датканын жан-жөкөрү, Алтыбай баатырдын небереси Төлөгөн Алымович күйөө балаңыз, ата-бабасынын канынанбы, же буга жаратканым өзү энчилеп бергенби, атасы Алым Алтыбаевич дагы жалаң кызматтарда жүрүп кийин киши колдуу болгон, ошондой оозго алынган адамдардын тукумун кабыл алыңыз, - Аскарбек бир азга эки жагын карады да, - Күйөө балаңыздын мурунку кайыны Алайдан эле, кырсыктап каза болгонуна эки жылдай болуп калды, бир уулу жыйырма экиде, үйлөнгөн, - деди.

- Аскарбек аксакал, кулдук уруп келгениңиздерге рахмат, эми бир аз чайга карасаңыздар, - деп Арстанбек отургандарга карады.

- Алыңыздар!

- Чайга караңыздар, - деп ызаат-сый менен кайрыла башташты конокторду тейлеп жаткандар.

Ошентип күйөө баланы ал күнү коноктоп кой союлду, коньяктар куюлду, өз кезеги менен Аскарбек күйөө баланын жакшы жактарын айтып, мактап келип анан Селкиге карап, алып келген акчасын тапшырды, жана дагы той берип кете тургандарын баса белгиледи. Аялдардын бири жеңеси болот экен, башкасы кошо келген коштоочулар эле, теңтуштарынын экөө келген. Ошентип эртеси кайдан жайдан экени белгисиз Төлөгөндүн эки жигити килейген бээ жетелеп келип калды. Анарбек сураганда Төлөгөн: "Уулумдун жээнтек тою", - деп койду, ошентип айыл ичине бат эле дүң дей түштү: "Ысмайылдын кызы күйөөгө тийген имиш дейби ыя?", - деп сураса: "Ой, анын күйөөсү бар болчу, кызматчыга азгырылса керек да", - деп бири айтты, уу-дуу болуп эле жатып калды. Он-он бештей адамдардын ондою кетип аз эле калган, аларга бир үйдү тигип жасалгалап койду Селки. Даярдык бүтүп үчүнчү күнү Анарбек менен Арстанбек тойго келчүлөрдү чакыртып киши жиберди, бээнин эти казанда, эки-үч казанда аш басылып жатат, келгендерге короонун ичи тардык кылат деп кеңешип айылдын үстүндөгү ээн жерге үй тигилип, казан асылган болчу. Түш оой бергенде килейген чоочун, кымбат баалуу машиналар куушуп келип токтоп калды, көрсө баары бири-бирине байланышып Карачачтын колундагы беш айлык баласын бешикке салышты. Дал ошол учурда кандидатурасын коюп жаткан депутаттар келип жыйылган элге убадаларын берип жатышты, айрыкча Алымович шашпай жай баракат сүйлөп элди тегиз карап ошол жерден ачык эле бир камаз ун таратты. Анарбек менен сүйлөшүп аны кызматка көтөрө турган болду. Үч күн той болуп улак тарткандарга байге берди, жаш балдарды күрөштүрүп жатканда бир баланы бири көтөрө чапты эле эси ооп жатып калды. Буту сынган экен, дароо машина менен райондук ооруканага ата-энеси алып кетти. Той тарагандан кийин чоңдорду, күйөө баласы менен карындашын Анарбек үйүнө чакырып коноктоду. Ошондо таенесиникинен келген Бакберген алардын ичинен карап отуруп эле: "Эч кимиңер болбойсуңар", - деп ойлоп ашканада жүргөн апасына:

- Апа, булар жөн эле чабылып жатат, эч кимиси өтпөйт, - деди.

- Кайдан билдиң?

- Башка бир киши келбептир, алар башка жакта жүрөт, ошол киши өтөт, убара болбой койгондору жакшы, - деп кайра чыгып кетти.

Асылкүл ичинен ойлонуп калды: "Кызык, бул кайдан билет, тиги болгон кырсыкты билип койду эле, кудай сактай көр", - деп алып конокторуна тамагын алып кирди.

Ошол жылы айткандай эле эч кимиси өткөн жок, эң акырында келип өзүн тааныштырып, колдоочулары менен келген жаш жигит өтүп кетти. Анарбек менен Асылкүл кеңешип Бакбергенди көзү ачыкка алып бармак болду эле:

- Ата, мени көрсөтпөй эле койгула, алар кайра мени тескери окуп коюшат, көзүмдү жаап коет, - деди.

- Капырай, анан эмне болуп жүрөсүң, бирдемени айтсаң эле чын болот, - деп Асылкүл чочулай карады.

- Эчтеке эмес, элдин көз алдында болгону жакшы, - Анарбек камырабай уулуна жылмая карады, - Соопко каласың, балам.

- Койсоңчу, жакшы жагы да бар, жаманы да бар, бири болбосо бири жаман көрөт, - Эне жүрөгү тынчсызданып турду.

- Апа, Батийна апам жаман болду, эртең барып келеличи.

- Ийи? - Дагы эмне дейт деп ойлоп үрпөйө карады.

- Ал катуу ооруп ооруканага жетпей калды го…

- Кудай ай.

- Апа, сен эркек төрөйсүң, бирок бир жеринде кемтиги болот, - дегенде оозуна сөз кирбей экөө тең унчукпай отуруп калышты.

Ошентип жөн отуруп эле бирдемени айта берет, баары туура чыкчу болду, бир күнү мектепте жүрүп бир классташын:

- Сен эртең өлөсүң! - деди эле балдар күлүп калды.

- Мен сага эмне кылдым энеңди, өзүң өлүп калба, - деп Айдин жиндене урушуп кете жаздады.

Бешинчи класстын балдары аларды ажыратып койду. Эртеси чындап эле Айдин аттан жыгылып мүрт кетти, ошондо классташ кыздар-балдар үйүндөгүлөргө айтып жатышты. Бирок аны эч кимиси көңүлүнө алган деле жок. Анарбек жазга маал өзүнүн кандидатурасын айыл өкмөтүнө коюп жаткан, үйүнө коноктордун көзүнчө Бакберген минтип калды:

- Ата, баары бир сен болосуң, тиги төртөө өтпөйт, экөө баш тартат.

- Оо азамат десе, атасын колдогондордун алды экен, - деп калды бухгалтер Аманкул.

- Ырас эле, баланын оозунда бардыр.

- Бакы, сен өз бөлмөңө бар, - деди Анарбек дагы бирдеме деп ийеби деген ойдо.

- Ата, азыр айыл өкмөтү болсоң, кийин кызматка көтөрүлөсүң.

- Бул балада бирдеме бар го?

- Ооба десең, бирдекени билет окшойт, - деп бакылдашып калганда Бакберген конок бөлмөдөн чыгып баратып секретар кызга карап:

- Үйүңүзгө эрте барыңыз, күтүп жатышат, - деди да чыгып кетти, бул жолу эч кимиси үндөгөн жок.

Аселдин апасы ооруп жаткан эле, кыжаалат болуп жанындагыларга кайрылды.

- Мен кете берейинчи.

- Баланын сүйлөгөнүнө ишенесиңби, чогуу эле кетебиз.

- Жо-ок, мен кете берейин, - Асел болбой эле туруп жөнөдү, көрсө анын апасы өтүп кетиптир.

Бакбергендин айтканына таңгалып калышты, Анарбек айыл өкмөтү болду, экөө баш тартышты, ошондо гана эл билип келе башташты. Батийна ичим деп катуу ооруп дүйнөдөн өтүп кетти, Сатар кадимкисиндей болуп балдарын үйлөнтүп жашоосуна ыраазы болуп неберелерин эркелетип, аялынын өлгөнүнө кейип коюп жүрөт. Асылкүл уул төрөдү, бирок үстүңкү ээрди нышанаалы болуп төрөлдү, Бакбергенди Анарбек өзү катуу кармап эчтеке айтпа деп көндүрдү, келген элге ал үйдө жок деп коюшчу болду. Арстанбек бир жылкысын жоготуп таппай жаткан, Бакберген:

- Апа, чоң апамдыкына барып келеличи, - деди бир күнү.

- Эмнеге? - Асылкүл чочулай карады.

- Коркпоңуз, жылкы жоготуп таппай жатышат, мен таап берем.

- Алда-а балам ай, атаң сүйлөбөй жүр дебеди беле?

- Өзүбүз го Арстанбек акем, убара болбосун да.

- Макул эми, атаң келсин, мен бала менен чыга албайм, атаң экөөңөр барып келесиңер ээ?

- Макул.

- Садагам десе…

- Апа.

- Ийи.

- Сен атама чындыкты качан айтасың?

- Эмне болгон чындык? - Асылкүл таңгала карады, ошол кезде Анарбек жумуштан келип үйгө кирип келе жаткан.

- Сен мени билбейт дейсизби, мени төрөп таштаган сиз…

- Бакы!

- Атам билиши керек, ачыгын айтыңыз, - деди да бурулуп өз бөлмөсүнө чыкмак болуп баратып атасын көрүп токтой калды да унчукпай кирип кетти. Күйөөсүн көргөн Асылкүл кызыктай болуп кетти:

- Келдиңби?

- Ооба, эмне кылып жатасың?

- Тамак даяр, жуунуп келесиңби?

- Ооба, адегенде кийимимди котороюн, - Анарбек кийимин которгону кирип кетти: "Демек Бакыны төрөп таштаган өзү тура, анан эмнеге төрөбөй жүрдү, кантип билип калды, же… ", - деп ойлонуп жатты, Асылкүл өзүнчө: "Кантип айтам, эмне дейт болду экен, ажырашам десечи, анда кантем, балабыз турат, андайга барбас, эмнеге ачык айт деп жатат", - деп тамагын үстөл үстүнө коюп жүрүп ойлонуп жатты. Үчөө тамакка отурганда Асылкүл көзүн ала качып өзүнчө кыжаалат боло берди:

- Асыл, бирдеме айткың келип турабы?

- Эмне, жо-жок…

- Билбейм, жүзүңдө бир сыр тургандай.

- Аа-а баса, баланын жылкысы жоголуптур, Бакы таап берейин, убара болуп жатат дейт.

- Качан жоголуптур? - Бакбергенди карады.

- Үч күндөн бери издеп жатат, аны уурдап барып сатып ийген, башка жакка алып кеткени жатат, жетип калыш керек.

- Барыш керек экен, - деп Анарбек тамагын ичип жатып унчукпай калды.

Асылкүл жооп тапканына кубанып баласын карап калды. Анарбек менен Бакберген Арстанбектикине келгенде күүгүм кирип калган, Селки чоочуп кетти:

- Жайчылыкпы, балам?

- Жайчылык эле, Арстан кайда?

- Жылкы издеп жүрөт.

- Канчадан бери?

- Үч күн болду, кайда кеткени белгисиз.

- Аныңар уурунун колунда дейт го?

- Эмне дейт ботом, ким айтты?

- Бакы таап берем дейт, түндөп барыш керек.

- Балакээт, кайдагы ууру?

- Төштөгү сарайда ким бар?

- Сыдыгаалы сатып алган, ал кантип уурдасын балам, уят болбойсуңарбы?

- Эми көрөбүз да, - деп сырттан кирген Арстанбекти карады, - Таптыңызбы?

- Жок, жерге кирип кеткендей…

- Жүрү Сыдыгаалынын үйүнө.

- Эмнеге?

- Ата, эртең менен жарыкта барабыз, машинага жүктөөрдө кармаш керек, таңга маал, - деп Бакберген айтканда Арстанбек аларды түшүнбөй карап турду.

- Макул, эс алалы анда, - Анарбек төргө өтүп отурду.

Сүйлөшүп отуруп жатып калышты, таңга маал төштөгү сарайды көздөй волга жылып баратты, алысыраак токтотуп коюп өздөрү сарайды көздөп барышса бакылдашып жаткан экен, беш жылкыны жүктөп жатышкан экен, көпкө далдоодо карап турушту, таң атып өң-түз таанылганда үчөө чыга калганда тигилер селдейе туруп калышты, Арстанбек жылкысын тааный коюп:

- Сыдыгаалы аке, уят эмеспи, үч күндөн бери издеп жүрбөйүнбү? - деди да эми жүктөгөнү турган жылкыны жүгөндөн кармай калды.

- Иним, кечирип кой, киши укпасын.

- Киши укпасын дегениңиз туура эмес, - деди Анарбек, - Калгандарын да түшүргүлө, мен участковыйга алып барам сизди.

- Айланайын Анарбек, мени кечир, ооз басырык кылайын, астыңа ат тартайын, үстүңө тон жабайын, абийиримди төкпө! - деп Сыдыгаалы чөгөөлөп отура калды, - Бир ачууңду бер иним, алдыңан кыя өтпөйүн.

- Арамдан топтогон жылкыңдын кереги жок, түшүңүз машинага.

- Арстанбек, Анарбек, кечирип койгула.

- Болбойт, мен машинаны айдап келейин, - деп коктуга токтоткон машинаны айдап кайра келди, аңгыча тигинин аялы менен балдары чыга калды, аялы ыйлап жалдырап ийди:

- Садага болоюн Анарбек, балдар жаш, акең камалып кетсе биздин алыбыз эмне болот, аяп койгула, айланайындар?!

- Сиз энесиз, эриңиздин ушул ишине кантип макул болуп арам оокатты жеп, балдарыңызды арам тамак менен бактыңыз? - деди ачуусу келе Анарбек.

Венера күйөөсү өлгөндөн кийин ата-энесинин колунда эки баласы менен жүрүп калды. Иштеп, күнүмдүк тыйынын таап теңтуш, бойдок келиндер менен таанышып ары-бери баса баштады. Батийна канчалык айтып урушканы менен баары бир болбойт. Улуу баласы Жакшылыкты кайненесиникине жеткирип коюп кызы Сиютаны өзү алып калган. Күндө кечинде жасанып-түзөнүп, боенуп алат да чыгып кетет. Ошентип ал бойдокчулуктун доорун сүрүп жүрүп күйөөдөн чыккан Айсалкын деген келин экөө ынак болуп кетти. Бир күнү ал жолугуп:

- Ай, сен жанагы катынынан чыга албаган неме менен жүргүчө мен сага бир бойдок жигит таптым, кааласаң тийип аласың, - деди.

- Каяктан экен?

- Суранбайдын жээни экен, тим эле красавчик экен, көрсөң сүйүп каласың, - деди шыбырай.

- Койчу, ошончо мактаганыңа караганда мурда мамилең бар го?

- Жо-ок ай, мен аны менен жигитим аркылуу тааныштым. Жоомарт атайын ага бир келин тап деген, мен сени айттым, андан көрө кеттик, алар бизди күтүп калды.

- Кайда барабыз?

- Тоого чыгабыз, ойноп келебиз, жайдын кетээр кезинде тоонун гүлүн терип жигит жандап жаштыктын доорун сүрсөк кандай бакыт, - деп Айсалкын шаштырып кирди, - Бол эми эрте.

- Азыр, жуунуп алайын, күтө тур, - деп Венера кийимдерин тандап жатты, жуунуп, чачын жасап боенду.

- Сен боенгондо тим эле чүрөк болуп кетесиң, Мирбек сени көргөндө эле сүйүп калат го? - Экөө ээрчише жолго чыгышты, үч-төрт үй ары токтоп турган машинага жетип отурушту.

- Жоомарт, досуң менен тааныштырбайсыңбы?

- Аа-а, кечиргиле кыздар, эсимден чыгып бараткан тура, - Жоомарт артка кайрылып, - Бул менин досум Мирбек, таанышып койгула, - деди.

- А бул менин курбум Венера, - Экөө кол алыша учурашып саамга тиктешип калды. Аңгыча машина ордунан жылганда гана экөө көздөрүн тартып алышты. Тоого чыгып суу жээгинен орун алышты, чоң түп дарак бар эле, көлөкөгө отурган соң эки жигит алып келгендерин ортого жайып кыздарды сыйлаганга киришти.

- Кана кыздар, бүгүнкү жолугушубуз үчүн, эки жаштын таанышканы үчүн мындан алып коелу, - деп Жоомарт аларды карап бакылдады, - Денсоолук үчүн!

- Денсоолук үчүн!

- Кыздар үчүн ичели, - деди Мирбек Венераны жылмая карап.

Албетте, кыздар болбосо жашоо супсак, дүйнө караңгы болчудай, - деп Жоомарт Айсалкынды кучактап алды, - Мен Айсалкынды чын жүрөгүмдөн сүйөм!

- Мен дагы сени сүйөм, бирок…

- Эмне бирок?

- Эгерде сен чын сүйсөң эмдигиче үйлөнөлү деп айтмаксың, Жоомарт, - деди Айсалкын ойлуу ага тигиле.

- Убакыт толтура жаным, экөөбүз үйлөнбөй жатып ойноп-күлүп алганыбыз жакшы эмеспи, үйлөнгөн соң үйбүлөлүк машакат башталып көңүл ачууга убакыт аз бөлүнөт, - Айсалкынды өөп койду.

- Туура, үйлөнүп алгандан кийин баары башталат, болоор болбос үчүн кер-мур айтышасыңар, чукулдашасыңар, сүйүүлөр унутулат, - деди Мирбек.

- Ай койгулачы, сүйүү унутулат дегенге ишенбейм, эркектер шылтоо таба бересиңер, сүйүү унутулбайт, эскирбейт дагы, бирок балага ооп кетет десе бир жөн, - деп кызаңдай кетти Айсалкын.

- Койчу жаным, таарынбачы эми, кел анда азыр түз эле үйгө алып кетейин, - деди Жоомарт.

- Анда биз силерди загска чейин узатып барабыз, - Мирбек күлө карады, - Силерден кийин бизге кезек келээр, кандай дейсиң Венера, сүйлөп отурсаң боло, - Венерага тийиштик кыла карады.

- Эмнени сүйлөйм? - Венера жер карады.

- Венера, өзүң жөнүндө айтып отурсаң.

- Кой, экөөңөр кенен сүйлөшүп жакындан таанышып отургула, биз суу жээктеп басып келели, - деп Жоомарт Айсалкынды колдон ала ары көздөй басып жөнөштү.

- Мен үйлөнгөмүн, бир балам бар, ажырашкам, түбөлүк жар боло турган кыз издеп жүрөм.

- Менин эки балам бар, күйөөм өлүп калган, ата-энем менен бир туугандарым бар, үч кыз эки уул болуп беш бир тууганбыз.

- Жакшы, биз эми бири-бирибизди билебиз ээ, Венера? - деп Мирбек Венеранын колунан кармап өөп жылмая, - Мен сизди бир көргөндө жактырып калдым, айтчы башка адамың жокпу? - деди.

- Жок, азырынча турмуш жөнүндө ойлогонго убакыт жок, балдарымды багып чоңойтуу милдетим, азыр жашоо оор…

- Венера, сен кам санаба, мен сени кор кылбайм, балдарыңды өз баламдай кабыл алайын, мага өмүрлүк жар бол?!

- Шашылган жоксузбу?

- Жок-жок, мен сени менен бактылуу болоорума ишенем.

- А мен ишенбейм.

- Венера, ишенчи жаным, биз бактылуу болобуз, асмандагы айды алып берем дегендерден эмесмин, бирок кудайга шүгүр, жок эмеспиз, ата-энемдин бизнеси бар, жашообуз кудайга шүгүр, - деп Мирбек келиндин жанына жакындап колунан сүйүп, - Сен менин өмүрлүк жарым болууга макул болсоң дароо атамдарга айтам дагы үйүңдөн алып кетем, - деди жүзүн үңүлө тиктеп жооп күтүп.

- Азыр эч нерсе айта албайм, ойлонуу керек, турмуш куруу менен үй куруу бирдей эмеспи, үйдү туура эмес баштап алса урап түшөт, адамдар да жакшылап ойлонбой баш кошуп алса ортодо балдарга убал болуп калат, эми эле шаштырбаңыз, балким менин сиз билбеген жагымды билип калсаңыз ирээнжип качып кетишиңиз мүмкүн.

- Эч кандай качпайм, экөөбүз тең өткөнгө кайрылбайбыз, жашоону башынан баштайбыз, бири-бирибизди сыйлап, кө-өп балалуу болуп уза-ак жашайбыз, Венера.

- Шашылбаңыз, бир аз сүйлөшөлү, ойлонуштуруп көрөлү, - Венера таптакыр сөзүнөн кайтпай туруп алды эле Мирбек аны колунан алып өйдө болду.

- Макул, сен айткандай болсун, жүрү таза аба жутуп, суу бойлоп көңүл ачалы, - деди, экөө катарлаша сууну көздөй басканда Жоомарт менен Айсалкын алдынан чыкты:

- Оо кыз-жигит, жакшылап сүйлөштүңөрбү?

- Ооба, жакшы сүйлөштүк, өзүңөр кандай эс алдыңар?

- Биз эс алдык, эми карынды кампайталы, жүргүлө жакшылап бир отуралы, анан сейилдейбиз, - Жоомарт аларды кайра кайтарып алып келип эт менен аракты, суусундуктарды жайып төртөө иче баштады. Кызый баштаган Жоомарт Айсалкынды өпкүлөп жатты, Венера аздан ичип сыр билгизбей зымпыйып отура берди. Мирбек улам аны карап коюп сүйлөп калат, жооп берип жүзү албыра көзүн тартып алат.

- Кана жаштар, кичине көңүлдүү отурсаңар боло, минтсеңер эл боло албайсыңар го? - деп Жоомарт Мирбекти карап көз кысып койду.

- Жакшы эле отурабыз. Жоке, андан көрө биз сейилдеп келели, силер отура бергиле.

- Жо-жо-ок, мындан ичип анан тургула, - деп желим стаканга арактан куюп алдыларына коюп, закускага эттен экөөнө сунду, Айсалкынга дагы берди. Экөө ичип ийип өбүшүп калды, Мирбек да Венераны карап:

- Кел Венера, тоонун сулуулугун көрөлү экөөбүз дагы, алып жиберчи.

- Мен көп ичип койдум, ушуну албай эле коеюнчу.

- Мындан башка болбойт, ушуну так алып кой эми.

- Макул, мындан башка куйбайсыңар ээ? - деп Венера оозундагы бадырайган тиштерин көрсөтө жылмайды.

- Ооба куйбайбыз, - Мирбек закусканы оозуна кармады, анан экөө ээрчише суу жээктей жөнөштү.

- Жаратылыштын кооздугун кара, жаныңда сулуу келин, эки жагыңда арча-кайыңдар, шаркыраган туптунук суу, ата-аңдын гөрү, кандай гана керемет! - Мирбек кулачын жая эки жакты карап тегерене суктанып жатты, - Венера, сага жактыбы?

- Ооба жакты, мен дагы жаратылышты сүйөм.

- Меничи, мени сүйүп калсаң кандай сонун болот эле, - деп тамашалай кучак жайып келе жатып кучактап калды.

- Коюңузчу, - Венера наздана ары боло берди.

- Сүйүп баратам Венера, күйүп баратам, өрттөнүп барам!

- Суу чачайынбы?

- Жок-жок, сууп калабыз, Венера.

- Анда эмне кылыш керек? - Венера күлкүсү келип кыткылыктап жатты, - Өрткө суу чачыш керек.

- Венера, кел сууга түшөбүз, ысыган жоксуңбу?

- Жо-ок ай, салкын эле го?

- Ма-акул анда, тээтиги кырга барып келбейлиби.

- Бийик го?

- Эч нерсе эмес, баардык жак көрүнөт болуш керек, менин көргүм келип жатат, жүрчү эми, - деп келинди колдон ала жүгүрүп жөнөдү.

- Ээй токтоңузчу, күйүгүп кеттим!

- Жай басалы ээ анда?

- Ооба, жай эле басалычы, - деп Венера демиге туруп калды, экөө ар кайсыны сүйлөп баратып Мирбек гүл терип баратып Венеранын алдына тура калып ийиле:

- Бул гүл сизге чоң кыз, жүрөгүм менен тартуу кылам, - деди күлүп.

- Рахмат, - Венера гүлдү алып жыттап койду, - Жыты сонун экен.

- Жактыбы?

- Жакты.

- Венера, - Мирбек келинди ийинден ала жанаша түштү, Венера көп эле жигиттер менен жүргөн, бирок алар дароо эле жатканга ашыгаар эле, маданияттуу жигиттин мүнөзүнө ыраазы болуп бул жолу андан качпады, ыктай басып сөзүн тыңшап, сынап жатты: "Жакшы жигит экен, балдарыма жакшы караса болду, Жакшылыкты го мага беришпейт", - деген ойдо баратты.

Ошол күнү Венера үйүнө келбей калды, таң атканда келген кызына ачууланган Батийна урушуп кирди.

- Уялбайсыңбы ыя, кайда жүрөсүң, ата-энеден уялып, тартынып койсоң боло, эл-журттан уялып баш көтөрө албай калдык го?

- Койчу апа, эмне кылып жатам?

- Өлүп кет, атаңдын башы кылдың, деги тынч жүрөсүңбү ыя?

- Мен эмне карып калдым беле, ойноп-күлсөм болбойбу, кызым басып дагы калды, күйөөгө тийем эми! - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Ооба, сени алайын деп эле катарга туруп жатыптыр дейт, Венера Айсалкын менен жүрсөң кандай жаман атты болоор экенсиң, ал сени атайын ээрчитип шерик кылып жүрөт билсең.

- Айсалкын андай эмес, мага жамандык каалабайт, жаман ойду ойлобоңузчу апа!

- Өлүгүңдү кана көрөйүн десе, маа - десең өлүп кет! - деп бозосун сүзүп базарга алып кетип калды, Венера ал күнү базарга чыкпады, Жамалбек мектепти бүтүп эле мал бакканга тоого чыгып кеткен, Шамалбек апасына жардам берет, Сатар болсо оорусунан сакайып эшиктин алдында аркы-терки басып жүрө берет. Венера үйлөрүн жыйып коюп кызынын кийимин которду дагы кечке кир жууду, оюнан Мирбек чыкпай: "Мен аны жактырып калдым, бир-эки ай сүйлөшүп көрөйүн, жакшылап билбей туруп макулдук бербейм, мен дагы ага жактым", - деп ойлонот. Андан кийин эки жолу жолугушту, бирок Венера анын баягы шаштырган сөзүн уккан жок, дагы сураса макулдугумду берем деп ойлогон Венера кызыктай болуп: "Айнып калган го, деги эркектерге ишениш жок тура, мен жөнүндө жаман сөз укту бекен", - деп кыжаалат болуп үйүнө келди. Дал ошол күнү Батийна базардан келип эле ичим деп жатып алды, бир аз жатып эле кайра турду:

- Деги эмне болом ыя, бул оору мени соо койбойт го? - деп эшикке чыгып Сатарга айтты, - Сатар, машина сүйлөшчү, районго жеткирип келсин, доктурга барбасам болбойт, - деп чаңырып ийди.

- Эмне болду Батиш? - Сатар аны кармай калды, короого кирип келе жаткан Шамалбек жүгүрүп келди. Батийна кара терге түшүп онтоп жатты.

- Апама эмне болду?

- Билбейм, доктурга алпаргыла дейт, сен тиги Канатбекке барып келчи, тез келсин, апам чыдай албай жатат де.

- Макул, - деп жүгүрүп барып тез эле жигули менен келип калып арыдан бери онтоп жаткан Батийнанын салып алып шашыла жөнөштү. Жарым жолго келгенде көзүн ачкан Батийна:

- Сатар, мен соо калбайт окшойм, балдарга көз бол, үйгө кайта бергиле, менин акыбалым болбой калды, - деди да башы шылк дей түштү.

- Батиш, ой Батиш, эмне болду? - деп жаакка ургуласа да эч нерсе сезбей жаткан аялынын тамырын кармаса сокпой калыптыр, - Батиш, бул эмне кылганың, мени кимге таштадың? - деп Сатар ыйлап кирди эле Шамалбек дагы кучактап ыйлап жатты, шоопурду артка айдатты Сатар, ошентип күүгүм кире үйүнө жеткен Сатар:

- Оо, жан курбумдан айрылдым, эсил кайран Батишим! - деп машинадан көтөрүп түшүп келе жатып эле бакырып келе жатты, Шамалбек андан бетер бакырып ыйлап чуру-чуу түшүп үйгө киргизип жаткырышты. Венера жок болчу, Чынараны чакыртышты, Замирага киши жиберишти, тоодогу Жамалбекти түндөп алдырды. Айыл коңшулары дароо эле чогулуп үйдү тиге салышты, Венера таңга маал келип эшиктин алдындагы топураган элди көрүп жүгүрүп эле үйгө кирип келди, Чынара менен Замира аны көрүп:

- Апакемден айрылдык, ушундай беле дүнүйө!

- Апакемден айрылдык! - деп чаңырып эле жибергенде:

- Эмне, эмнеге апам, эмне дейсиңе-ер?! - деген бойдон өзүн жоготуп эси ооп эчтеке сезбей калды, жыгылып баратканда кармай калышты, өңү купкуу болуп жатып калган Венераны боз үйдөн сыртка алып чыкты, бетине суу сээп жатып көптө эсине келди.

- Айла-анайын, эсиңди жый, кудайдын буйругу экен, - деди чоң апасы Шааркан, Сатардын атасы менен бир туугандын апасы, - Жакшынакай эле жүрүп Батишти өлөт деп ким ойлоптур?

- Апам, кана апам? - Тура калып боз үйгө кайра жүгүрүп кирип көшөгөнү ачып өлүктүн үстүнө жыгылаарда аялдар кармап калды:

- Кантет, майыптын үстүнө жыгылбайт, отур мындай, бетин ачып көрсөтөбүз, коркпой бир карап ал! - деди да бири үстүндөгү жабууну ачканда үч кызы тең чаңырып боздоп ыйлап жатты:

- Апаке, бизди таштап кеттиңби?

- Апаке, кантип бизди таштадың?

- Апакем, алтын энекем, неге бизди таштадың?

- Болду, көп ыйлабагыла, тиги дүйнөсүн берсин дегиле, айла жок кыздар, өлүм деген ушундай улук, ажалга эч ким жолтоо боло албайт, - деп бетин кайра жапты.

Ошентип үчүнчү күнү жерге беришти, айрыкча Бакберген келип ыйлаганда элдин көбү ыйлап турду. Өлүктү коюп келгенден кийин тагдырдын жазганына моюн сунуп куран окуп кала беришти, тырышып базарга чыгып жүрүп уй күтүп, мал күтүп калышкан, музоолуу уюн союшту, балдары боздоп-ыйлап атасын караан тутуп аргасыз үшкүрүк-ый менен отуруп калышты…

Венера үйдөн чыга албай калды, Чынара менен Замираны абысындары алып кетти, Жамалбек менен Шамалбек улам келгендерге өкүрүп үйдөн чыкпайт. Венера чай коюп үйдөн ыйлап жатты, Айсалкын келип кетип жүрдү, ал келген сайын экөө көпкө сүйлөшүшөт, Жоомарт менен Мирбек көпчүлүк катары өкүрүп келип кеткен. Кыркы болоюн деп калганда Айсалкын келип:

- Венера, бүгүн кечинде жолугуп койчу, Мирбек жолугам дейт, - деди.

- Кантип, апамдын али кыркы боло электе жолдо турганымды көргөндөр эмне дешет, Айсалкын? - деп көзүнө жаш алып, - Апам али жапжаш болчу, - Эчкирип жиберди, - Же ооруп жатсачы, көзүн көрбөй калдым.

- Койчу Венера, ыйлабачы алтыным, минте берсең ооруп каласың, айла жок экен да, ким ойлоптур ушуну? - Айсалкын курбусун кучактап өөп сооротуп жатты, - Мирбек сени сүйөт, сени көргүсү келип жатат. А-аа баса, биз эмки жумада үйлөнө турган болдук, сүйүнчү курбум!

- Болсун досум, сүйүнүчүңө тең ортокмун.

- Айтчы, бүгүн кечинде жолугасыңбы?

- Инилерим тескери ойлоп калышсачы?

- Болуптур анда, элдин баары уктаганда, сен саатты карап тур, биз сени сырттан күтөбүз.

- Мен эч жакка барбайм, Айсалкын.

- Сен барба, жолугуп эле кой макулбу?

- Макул.

- Байкуш Мирбек сен дегенде ак эткенден так этет ай.

- Койчу ай.

- Койбой эле, сени көрсөм дегенде эки көзү төрт.

- Чын элеби ыя?

- Ооба, сага калп айтып мен эмне.

- Мен жөнүндө угуп ичи муздап калдыбы деп ойлогом.

- Эмне экен, бойдок кезде баары болот, Мирбек түшүнүктүү жигит, сен макул болсоң эле үйлөнөм деп жатат ал.

- Эми кантип күйөөгө тийем, жалаң эркектер калса кантип жашашат, жок дегенде Жакини үйлөнтпөсөк чыга албайм го? - деп экөө көпкө отурушту, ошол кезде кайненеси Сергил баласы Жакшылыкты алып куран окутканы келип калды, мурда деле келген, боорсок, кант-конфет кылып алып келини экөө келген болчу:

- Келиңиз апа, - Венера тура калып уулун өөп кайненеси менен кичүү абысынына жаңылап төшөк салып төргө өткөрдү, - Чай алып келейин, - деп Венера дасторкон жайды, Сергил алып келгендерин жайды, Сатар менен эки уулун чакырып куран окутту.

- Куда, кудайдын буйругу экен, кудагый жакшы аял эле, ажалга арга жок тура, - деп Сергил кудасына көңүл айтып отурду, бөтөлкө ала келген экен, аны Сатар экөө ичишти, мурда ичпеген Сатар аялы өлгөндөн бери көңүл айтып келгендер менен ичип коюп жүрөт.

- Эми айла жок экен да, - деп койду Сатар.

- Куда, мен өзүң менен кеңешейин деп келдим эле, - деп Сергил Сатарды карап сөзүн улантты, - Венера жакшы көргөн келиним эле, - дегенде Венера менен Айсалкын бири-бирин карап калышты. - Чоң кайнагамдын баласы бар, менин дагы айлам жогунан жакшы бүлөмдү жатка чыгаргым келбей Венераны кайра келин кылып алсакпы дедик эле, кайнагам менен абысыным уруксат берсеңер келип колун сурамак болуп жатты эле.

- Кудагый, мен билбейм, өзү чечсин, бактылуу болушун гана каалайм кызымдын, эки баласы турат, өзүңөр чечкиле.

- Туура, ата-эне балага жамандык кааламак беле, Венера билет Каныбекти, кабыргасы менен кеңешип көрсүн, - деди Сергил, андан кийин көпкө отуруп анан кетишти, Айсалкын алар кетээри менен:

- Венера, сени булар кайрадан келин кылып алмак болгон го, анын аялы эмне болду эле? - деди.

- Ажырашып кеткен, канча жылдан бери бойдок жүрөт, жакшы эле жигит, өзү Архитектурада иштейт, эмнеге ажырашканын билбейм.

- Балдары бар беле?

- Үч баласы бар, менин күйөөмдөн улуу болчу да.

- Ай-ий, сени эртерээк качырып ийбесек булар сени уурдашат го? - Айсалкын күлүп калды.

- Койсоңчу, менин көз карашымды, оюмду да угушаар, жүрөгүм каалабаса мен бармак белем?

- Мирбекке көңүлүң барбы анан?

- Билбейм ай, азыр аны ойлогонго убакыт жок, апамдын күтүлбөгөн өлүмү менин эс акылымды алып койду, оорубай туруп эле ичим дептир, кандай болуп кеткенине көзүбүз жетпей да калды, - Улутуна жер карады.

- Кайгыра бербечи алтыным, колдон келбей турган иш экен да.

- Жо-ок, бул жерде бир сыр бар, апама бирөө бирдеке берип койгон го дейм, Айсалкын.

- Койчу ай, ким бермек эле, эмнеге…

- Ошону билбейм дагы, бирок күмөндөнүп туруп алдым.

- Жаман ойлобо, деги бир шекигениң бар беле?

- Жок, андайым деле жок, бирок түшүмө апам кирип: "Мени өлтүрүп койбодубу, аны мен өзүм алып кетем, жүзүн көрсөтөм ээ?", - деп коюп көрүнбөй калбадыбы!

- Ай-ий, эмнеге антет ыя?

- Кайдан билем, бир аялды көрсөттү, бирок бети көрүнбөй койду.

- Кызык ай, анда көзү ачыктарга айтып көрбөйсүңбү?

- Эмне деп?

- Түшүңдү айт.

- Ошентсе болобу?

- Эмнеге болбойт, ошондой кастык менен өлгөн болсо изилдеп көр.

- Ырас айтасың, эртең экөөбүз бир молдого барып көрбөйлүбү?

- Макул.

- Анда сүйлөштүк.

- Сен түнкү саат экиде даяр тур, биз белги беребиз, эми мен кетейин, - деп Айсалкын ордунан турду.

- Макул, барсаң бар, - Экөө ээрчише сыртка чыгышты.

- Жакшы кал, кечинде жолугушууну унутпа, - Айсалкын ушинтти да жөнөп кетти. Венера бир аз аны карап турду: "Кандай бактылуу Айсалкын, апамдын көзү барда кадырын билбегенимди кара, ким менен өч болду экен, урушканы үчүн эле адамдар бири-бирин өлтүрө береби, кантип издейм", - деп ойлонуп үйүнө кирди. Сатар үңкүйүп эле кирип чыгып жүрө берчү болгон, чай ич десе келет, үн катпайт. Венера атасын карап туруп боору ооруду да курбусуна айтканын айтты эле:

- Ошенттиби? - деп элейе карады.

- Ооба, түшкө ишенсе болобу?

- Болот балам, ошондо доктурга алып барсак болмок экен.

- Эми эмне болот, издеп таба албайбыз го?

- Далилибиз жок, кызым, - Жер карап отуруп калды.

Ошондон эки күн өткөндө Бакберген өзү велосипед менен келди. Аны көргөн Венера сүйбөй ичке кирип кетти, бою өсүп татынакай болуп бараткан балага Сатар ичи жылып тосуп алды. Бакберген каадалуу кишидей болуп төргө отура калып куран окуду да:

- Ата, апам киши колдуу болгон, анын жазасын кудай берет, апамдын жанында отурган кара тору аял экен, экөө бирдемеден урушуптур, апамдын кыркы өткөндөн жети күндөн кийин ал да кетет, - дегенде Венера уккан кулагына ишенбей кабагын тырыштыра карады.

- Сен кайдан билдиң?

- Эже, сиз кабатыр болуп жатасыз, сиз сүйлөшкөн жигитиңизге чыкпайсыз, мурунку эле жерден бак табасыз.

- Эмне?…

- Макул анда мен кетейин, - деди да ордунан туруп сыртка карай жөнөгөндө Сатар:

- Балам, чай-пай ичип кет, сен буларды кайдан билдиң? - деди.

- Мен баарын билем, атам менен апам элге эчтеке айтпай жүр деп тыйып жатышат, аларга айтпай келдим, - деп туруп велосипедин жетелеп короодон чыкты, өзүн узата чыккан Сатарга кайрылды, - Жакшы кал, ата.

- Жакшы бар балам келип тур, - деген Сатар баланы артынан карап туруп өзү ооруп жатканда айтканын эстеди, чындап эле анын түшүнө бир чал кирип: "Бул сууну ичип алсаң эле сакайып кетесиң, сенин көрөөр күнүң али бүтө элек, балам", - деп чоң чыныга суу берди да көздөн кайым болгон эле, ошондо Бакбергендин: "Сени бир адам дарылайт, сен айыгып кетесиң, ата", - деген эле.

- Ата, бул желмогузуңа бирөө айткандай го…

- Койчу бала

м, баланын көзүндө бар, кыйын чыгат, сен муну жаман көрбөсөңчү, бизге ушул балам карайт, көрөсүң, - Сатар ушинтти да ары көздөй басып кетти.

- Кызык, таштанды бала ушундай билгич болуп кеткенин кара, - деп Венера ойлуу үйгө кирди. Сиюта керээли кечке жолдо балдар менен ойноп үйгө кеч киргенде келет. Венера эжеси менен сиңдисин чакыртты, кырктыкка аз калган, эки жагын даярдамак болуп камынышмак. Бакберген базарга барды да Батийна отуруп бозо сатып жүрчү орунга келип аялдарды кыдырата карап келип Кантчайымдын жанына келди да:

- Сиз он жети күндөн кийин өлөсүз, сиз апамды өлтүргөнсүз, эми сиз дагы анын артынан кетесиз, - деди эле тигил аял:

- Ии-ий, өлүгүңдү көрөйүн, сен кайдагы немесиң? - деп алая карады.

- Батийна апамды уу берип өлтүргөнүңүздү билесизби? - дегенде ал өңү купкуу болуп оозуна сөз кирбей отуруп калды, жанындагылар элдин күр-шарынан эч нерсени байкаган деле жок, алдына келгендерге:

- Бозо куяйынбы, жарма куяйынбы, манты бар, ыссык манты, - деп өз тиричилиги менен алек.

Бакберген акырын велосипеддин тээп кетип калды. Кантчайым бүткөн боюн калчылдак басып отура берди, ансыз дагы Батийна анын түшүнө кирип тынчын алып жүргөн, ал ушул азыр ал өткөн окуяны эстеп жатты. Күйөөсү Темирбек өтө жылтыңдап аял көрсө эле тийишип калган эркек, Батийна дагы эркек жандуу эле, бир күнү бозосун жанындагы аялга дайындап коюп эки-үч сааттай жоголуп кеткен. Анан Кантчайым аны аңдымак болду, ал күйөөсүнөн деле күмөн санаган эмес, болгону ал анын кайда барганын билгиси келди, ошол күнү Батийна кетээри менен артынан түштү, эч нерсе менен иши жок Батийна эки жагын карабай ылдамдай басып бир үйгө келди, ал үйдүн ээсин таанычу, үч баласы бар, күйөөсү жок жаш келин болчу, кайненеси менен балдарын багып келе жаткан Зарина базарга чыкпайт, күйөөсүнүн өлгөнүнө жарым жыл болгон, кичүүсү бир жаш боло элек: "Буга эмнеге келет, кандай тааныштыгы бар", - деп ойлоп ал күнү кайра артына кетти. Карыган кемпирден тартынды, кечке маал эки бети албырган кызыл жүздүү Батийна ордуна келгенде Кантчайым тамашалап калды.

- Ушу сен бирөөнү тапкансың го, жылып кетип эле жоголуп кетесиң.

- Өлбөгөн жанга тапса табам да, - Батийна мактангандай карады, - Эр болуп жыргатпаган эрим бар, ал эле эмес дегеле кумар дегенди билбейт ай, - деп кылыктана күлүп койду.

- Укмушсуң го, биз бир эрди кармай албай жүрсөк, Сатар аке мурдуна бок сүйкөсө билбеген момун да.

- Айтпа, ал жанындагы аялын дөңгөчтөй эле сезет, - Батийна ого бетер кыткылыктады, - Жаныңды жыргаткан сезимден ким эле кача койсун ушул жарыкчылыкта.

- Кыйын экенсиң, - деп тим болду Кантчайым.

- Ошонун кыйыны барбы, башкысы сени жактырып, артыңдан калбаган эркекке ишеним берген жакшы, кайран өмүрдү кор кылбай бир жыргап ал да, - Батийна кыткылыктай күлүп койду.

- Балээниби, сен кыйын экенсиң, деги ал сүйгөнүң ким? - деди Катчайым.

- Эми кызыксың, сага айтып койсом сен мени ар кимге айтып оңуп кал ээ, чет жакасын билсең болду да, - деп андан ары айтпай койду. Батийна чынында Кантчайымдын күйөөсү экенин билген эмес, базарга чыккандан бери эле тааныйт муну деле, айылы да башка, күндө ошол жактан эшекке артынып келет, Темирбекти болсо тээ мурунтан таанычу, ал асылып көргөн жерде сөз айткан менен ага болчу эмес, анан эле бир жолу аны Зарина үйүнө чакырып калды, ал экөөнүн жакындык жайы боло турган. Анын чакырганынан улам барса ушул Темирбек экен. Ошентип экөө "тамыр" болуп калган. Кийинчерээк чыңк этме болуп Сатарды такыр эле көргүсү келбей калганы болбосо ичтен өз күнөөсүн ойлоп коркуп турчу болгон. Кантчайым ойлонуп калды: "Мен эмне Батийнадан кем бекенмин, мага деле асылгандар болгон, үйбүлөм бар деп баш тартып койбодум беле, айрыкча Бекжан алган аялындай кызганып: "Аш куюп ич, бир эле Темирбекти карап жүрүп өлмөк белең, анын эмне кылып жүргөнүн билесиң, мен сени жакшы көрөм, ойнош болуп алалычы", - деп жалдыраган кездери далай эле болбодубу", - деп ойлонуп акырын Батийнаны карап коет...

Ал ушул жерге келгенде аны жанындагы жарма саткан келин карыга нукуду:

- Кантчайым эже, сизге эмне болду, бозоңузду сатпайсызбы.

- Аа-а, - Кантчайым ордунан турду, бир аз отуруп калган бозосун алды да баласы экөө эшекке жүктөп үйүнө жөнөдү. Үйүнө келсе Темирбек дембе-дем чылым чегип эшигинин алдында отурган экен.

- Ата, фляганы түшүрүп берчи, - деди баласы Иман.

- Апаң өзү түшүрүп алат.

- Бозо бар да.

- Сатылган жокпу?

- Жок, - Кантчайым дулдуя үн катты.

- Эмне кекетесиң?

- Сени ким кекетип жатат?!

- Оозуңду жаап кал, энеңди! - Темирбек тура калды эле Кантчайым жинденип кетти.

- Ийи, сүйгөнүңдүн өлгөнүнө аза күтүп, менин үнүмдү уккуң келбей жатабы?

- Эй энеңди урайын акмак, аны ким кеп кылып жатат, экинчи ушинтип айтып көр, өлтүрүп салам, - деп кыжынды Темирбек.

- Өлтүрө бер, ансыз дагы кутуласың, кааласаң катын алып аласың, сага кудай эле көргөзсүн, көзүм тирүү турганда балдардын башын аттап, - деп барып Батийнаны каргап шилемек болду, бирок жанагы баланын сөзү эсинен кетпей какала түштү.

- Сага өлмө келиптирби, өзгө өлсө да сенин жаның бекем го? - деп Темирбек ачуусун баса ары басып кетти. Ал советтик доордун убагында совхоздо иштечү, бир топ эле майда кызматтарда иштеди, кийин эч жерге иштебейт, кийимин таза кийип алып кычырап досторуна жолугуп, алар менен кээде бир бөтөлкөнү жара бөлүп ичип алып келин-кесекке тийишип жүрө берчү. Эң улуусу эле онунчуда окуйт. Темирбектин жашы кырк бештерде, Батийнадан жети жаш кичүү эле. Чынында Темирбек Батийна өлгөндөн бери түнөрүп эч ким менен сүйлөшпөйт, кечкисин дасторконго келгенде алдына келгенди ичип алып туруп кетет, Кантчайымга болсо көңүл буруп жанында аялы жатканын сезбей калган. Кантчайым ызаланып ашкана үйгө кирди да кайрадан көз алдына келтире баштады…

Көпкө чейин эч нерсе билген жок, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей сөз болуп акыры ага да жетти.

Ошол кезде Темирбек дагы кечкисин кийинип алып кетет да түн ортосунда келет, Кантчайым адеп укканда ишенбеди, бирок Батийна кийинчерээк барбай калды, анткени ал үйүнө барып кийинип, жасанып алып анан бир-эки саат жоголуп келчү болгон, бул кезде Венера келе элек болчу, ал келгенден кийин көпкө жолукпай калды. Кантчайым анын эч жакка барбай калганына таңгалып бир күнү:

- А, сен сүйгөнүңдү таштадыңбы? - деди Батийнаны акырын сынай.

- Өлгөнчө калтырбайм го, ушунча жашап, балдарды көргөн эрим бере албаган рахатты берген адамды кайдан таштайм?

- Анан кантип жолугуп жүрөсүңөр, ыя?

- Сага айта коембу? - деп жылмайып койду да кайра бир аздан кийин Кантчайымга жакындап келип минтти, - Ой ушу сен мага ишенип алсаң керек, кайдагы ойнош, балдарымды зорго тытынып багып жатканда.

- Өзүң айтып жатсаң ишенем да, - Кантчайым ага жини келип кетти, билип туруп сүйлөгөндөй сезилди, бирок көз менен көрбөгөндөн кийин элдин сөзүнө ишенбейинчи деп өзүн кармады. Арадан дагы бир жыл өттү, ошондо ал күйөөсүнүн өзүнө көңүл салбаганына ызаланып кечинде ал үйдөн чыкканда артына жөнөдү, баратып күйөөсүнүн Батийна барган жакка баратканын көргөндө ичинен кекенип алды: "Экөөңөрдү тең жайлап анан милицияга өзүм барбасамбы", - деп Темирбектин артынан эле кирип барганын өзү да билбей калды. Эми гана Батийна менен өбүшүп жаткан Темирбек селдейе туруп калганда Батийна артка чегине берди:

- Бети жок акмак, балдардын башын аттаган жүзү каралар, ак нике урсун силерди! - деп Кантчайым Батийнага жулунду, - Күйөөңдөн албаган ырахатты менин күйөөмдөн алып жүргөн экенсиң да?! - деп чачынан кармай турган болгондо Темирбек аялын кармап калды:

- Болду, бас кеттик! - деп сүйрөй эшикке жөнөдү.

- Мен бул сойкунун чачын жулуп, бетин тытамын, шымын шыпырып колумду матырып өчүмдү албасам өлүп кетейин, - деп жулунганда Темирбек аны жулкуп алдына түртүп ийди, Батийна босогого жетип туфлисин колуна алды да жүгүрүп чыкты. Анын артынан чыккан Кантчайым караңгыда үнүнүн барынча кыйкырып жатты.

- Болду, өлүп кала элегиңде үнүңдү басып кал! - деп Темирбек бир чапты эле ого бетер бакырды:

- Убалым жетсин, балдардын кусуру урсун, кудай сазайыңарды берсин!

- Жап дейм жаагыңды!

- Жаппасам эмне кыласың, бир шуркуя үчүн өлтүрөсүңбү ыя, балдарды төрөп, үйүңдү үй, жайыңды жай кылып жыйырма жылдап жашаган аялыңды өлтүрөсүңбү ыя, мына өлтүрсөң өлтүрө кой, аябайын сенден! - Кантчайым жин урган немедей Темирбекти сүзгүлөй баштады, - Сен ошону аяп менин колумду тийгизген жоксуң да ээ, шуркуя сага ушунчалык кымбатпы?

- Ооба, мен аны керек болсо сүйөм, сендей сасып жүрө бербейт, бозо сатса дагы өзүн таза алып жүрөт, ажылдабай жөн бас, эгерде дагы кыйкырсаң мен Батийнаны алып шаарга кетип калам, - деди Темирбек колунан бекем кармап жетелеп тез-тез басып баратып.

- Кетсең кетип кал, сенин бары жогуң бир эмеспи, кыйналып бала бакпасаң, таап келген эчтекең болбосо.

- Анда эмнеге күйүп бышасың?

- Намыстанам да, сендей намыссыз дейсиңби?

- Менин намысыма тийишпе.

- Ошол шуркуяны бычактап өлтүрбөсөмбү, Кантчайым атым өчсүн! - Сүйлөнүп келе берди. Тажаган Темирбек:

- Үйгө жетип калдык, балдардын көзүнчө бир ооз ашыкча сүйлөсөң мага таарынба, эч кандай далилсиз өлтүрүп коем, - деди да эшигин ачып короого киришти, - Эртең оозуңдан бир адамга чыгарба, Батийна менен урушуп өз абийириңди төкпө, баары бир сенин гана эриңмин, Батийна бирөөнүн жары, ушул бойдон унчукпай кал, эгерде сөз чыкса жетелешип кетип калабыз, менин сөзүмө тураарымды билесиң, - деди да ичкери киргизип артынан өзү кирди.

- Болуптур, мен үндөбөйүн, сен экинчи жолугат экенсиң менден да жакшылык күтпө, - деди баятан бери ажылдап келе жаткан Кантчайым.

- Бүттү, мен да кол үзөм, - Экөө ээрчише үйгө киргенде чоңураак кызы инилерине тамак берип жатыптыр.

- Тамагың быштыбы, кызым?

- Ооба, каякка кетип калдыңар?

- Иш чыгып калды, кызым, - Кантчайым Темирбекти жаман көзү менен карап, - Атаңар чарчап ачка болуп келди, ошого бергиле, - деди.

- Какен, балдарды капа кылба, - деди Темирбек токтоо.

- Атасына тамак бер дегенге капа болмок беле? - Кергиштей сүйлөп али ачуусу басыла элегин билгизди.

Алар ошентип урушуп, талашып жатканда Батийна үйүнө шашылыш келди да сыр билгизбей жатып калды, Венера келип тамак даяр болгонун айтты эле:

- Башым ооруп жатат, - деп болбой койду.

- Дары берейинби апа?

- Жок, жөн эле кой, балдарга тамак бере бер.

- Макул, - Венера чыгып кетти.

- Менин тынчымды албагыла.

- Апаң ичпейт бекен? - деп Сатар Венерадан сурады, боору ооругандай, - Керээли кечке ысык бирдеме ичпей ооруп калды го?

- Башым ооруп жатат дейт.

- Дары ичпейби.

- Болбой койду.

- Мейли эс алсын, конокко барганда бирдеме ичкен го? - Сатар маңыроо баладай ордуна жатып калды, ал аялы экөө канчадан бери бирге боло элек, ооруп калды. Андан кийин балдарын шылтоо кылып өзүнчө жатып алчу. Эми ал унчукпай жатып түнүндө жанына келди, канткен менен эркек эмеспи.

- Батиш, бери карачы, жакшы болуп калдыңбы?

- Жөн жатчы, жаным кейип жатат.

- Койчу алтыным, канча болду бирге жатпаганыбызга, кел эми балдар уктап жатканда…

- Жаным кейип жатса сага ошол эле керекпи?

- Көп болду го, чарчап, кыйналып жүрөт деп унчукпай эле жатам, - Сатар болбой эле аны кармалай баштады.

- Жинди болдуңбу, балдар чоңойгондо, мен эчтекени каалабай калдым, кыйнабачы, - деп Батийна анын колдорун түртүп койду.

- Сени түшүнөм, үйбүлөнү багам деп кыйналып жүрөсүң, мен да тирүү жанмын го, аялым туруп жалгыз бой эркектей бүрүшүп жата беремби, ооруп да жүрдүм, сага рахмат карап жаттың, эми менин көңүлүмдү суутпа байбиче, кел эми чечин, - деп болбой өпкүлөп жанталашып жатканда Батийна мыйыгынан жылмайып: "Байкушум ай, сенин дагы сообуңа калайынчы, ызадан жүрөгүм эзилип турду эле, бир аз нервимди сактап сенин да көңүлүңдү алайын, кантсе да никелүү эрим эмессиңби, Темирбектей болмок кайда, эптеп өпөңдөп оңкоңдоп түшөөрсүң, заарың башыңа чыгып кетпесин", - деп ойлоп күйөөсүнүн эркине көнүп берди. Сатар аялына ыраазы болуп жатып калды. Ошондон үч күнгө чейин Батийна бозосун Венерага саттырып, жанына пирожкисин коюп өзү чыкпай жатты. Ошол убакта Венера дагы тааныштарды таап ары-бери баса баштаган, акыры өзү кайрадан чыкты. Кантчайым экөө бири-бирин тиктешип тим болду, эки-үч күндөн кийин кайрадан өзүнө келип шакылдай баштады. Кантчайым ич арадан сураштырып, уулу чөптүн тамырын алдырып үйдөн эзди да пенцилиндин шишесине куюп жанына салып алды, сыр билгизбей жанында отурган Батийнага өчөшүп түшкү маалда ичип жаткан идишине салмак болду, оңдой берди болуп кардарлар ага бозо куйдуруп, пирожки алып жатканда байкатпай идишине куюп билмексен болуп отуруп калды. Батийна колу бошобой көпкө чейин соодасы болуп качан гана кетээрде баягы жарманы жутуп алып үйүнө жөнөгөн. Кантчайым анын өлгөнүн угуп бир топко чейин мууну калтырап барып эс алган. Бирок ың-жыңсыз коюлганда эс ала түшкөн эле, көп өтпөй түшүнө кире баштады, колдорун тарбайтып: "Мен сени алып кетем", - деп жетип кармаарда чоочуп ойгонот: "Корккондон ушинтип жаткан го", - деп өзүн сооротуп, молдого дем салдырып өзү менен өзү болуп жүргөндө Бакбергендин айтканы аны уйкудан калтырып эки-үч күндө өңдөн кете түштү. Темирбек анын акыбалын сурамак тургай сүйлөшпөйт дагы: "Эгерде өлсөм сени мен алып кетем, анан ошол жактан салгылашам", - деп ойлонуп коет да коркуп кетет...

Асылкүл баласы менен алек болуп үйдө, өтө чыргоо, ыйлаак болду баласы, атын Нышанбек деп коюшкан. Анарбек абдан жакшы көрөт, бир аз үйдө боло калса эле уулун колуна алып көтөрүп жүрө берет. Асылкүл Нышанбекти төрөгөндөн кийин Селки дагы аны кетир дегенин койгон, небересин жакшы көрөт, бир күнү Анарбек келбей калды, кабатыр болуп уктай албай жатканда таңга маал келди.

- Эмнеге кеч келдиң, кабатыр болдум, - деди күйөөсүн көрөөрү менен Асылкүл.

- Сүйүнчү байбиче, мени районго кызматка чакырып жатат, буйруса бир жумадан кийин көчүп чогуу кетебиз го?

- Болсун-болсун, куттуктайм атасы, - деп Асылкүл Анарбектин мойнуна колун арта эки бетинен өөп койду, - Зоболоң көтөрүлүп, ишиң илгери болсун.

- Айтканың келсин, жүрү жаталы эми, абдан чарчадым.

- Кардың токпу?

- Достор куттуктап калышты, алар менен болдук, анан ачка келмек беле чалың, убараланбай эле кой, биздин жигиттер кандай?

- Жакшы, уктап жатышат.

- Бакыны көп сүйлөтпө, макулбу?

- Ооба, өзү да үйдөн чыкпай калды.

- Чоңдордон угуп алышыптыр дейт, жакында бир министрлер келип көрүнөбүз деген экен, мен аларга ал жалган деп койдум.

- Туура кылыпсың.

- Билгениңди айтпа деп көндүрчү, өткөндө баягы Темирбектин аялын маңдайына барып айткан экен таңгалып жатышат, аны кечээ койду го?

- Бакы айтыптырбы?

- Ооба, байкап калгандар бар экен, бирөөлөр келсе киргизбе, - деп Анарбек абдан тынчсызданып жатты.

- Эмнеге келмек эле, кабатыр боло бербесең.

- Алар келет, сынап көрөт, кокус былыктарын ачып койсо баланы жок кылууга аракет кылат, ошондуктан баланы этият кылыш керек, - деди Анарбек ачык эле. Экөө сүйлөшүп эркелешип жатып уйкуга киришти. Анарбекти үч күндөн кийин районго чакыртып акимдин орун басары болуп калды, үйбүлөсүн көчүрүп келип жайланышып калды, мунун баары Карачачтын күйөөсү Төлөгөн Алымовичтин жардамы менен болуп жатканын дароо эле сезишти, иш күнүнүн үчүнчү күнү кызмат телефону чырылдап калды:

- Ало, мен Ысмайылов, угуп жатам, - деди Анарбек ала коюп.

- Орун кут болсун кайнага, иш күнүңүз кандай башталды? - деп ары жактан ныксыраган үн угулду, - Сиз үчүн биздин кылган кызмат.

- Рахмат-рахмат, баары жакшы! өзүңөр жакшысыңарбы, жээн чоңоюп жатабы, Карачач жүрөбү?

- Шүгүр, баары жакшы, жеңеге салам деп коюңуз, буйруса жакында барып келебиз го.

- Келгениңер жакшы, келип кеткиле убактыңар болсо.

- Ма-акул, макул кайнага, жакында көрүшөбүз, тынч туруңуздар, - деп трубканы коюп койду. Ошентип Анарбектин иши илгерилеп бара жатты, Бакбергенди такыр элге сүйлөтпөйт, саксактап турушат, өзү да бой тартып баратканга көп сүйлөбөй калды. Эч ким жокто апасына ар кайсыны айтып калат. Анда Асылкүл:

- Балам, минтип элдин көзүнчө сүйлөбөй жүр, - деди чочулай.

- Апа, айтпаганга болбойт да, кантип көргөнүмдү айтпай коем?

- Бирөө жарым зыян кылып коебу деп корком, уулум.

- Зыян кылчулар азыр келбейт апа, мен башкаларды айтканым менен чоңдордукун айтканым жок да, бир сыр айтайынбы? - деди Бакберген энесине эркелей жакын отуруп.

- Айта гой балам, ал эмне деген сыр экен?

- Кыргызстанда эки жолу президент алмашат, бири тынч кетет, бири кеткенде көп адам өлөт, анткени ал өз ыктыяры менен кетпейт, элге зыян болот, андан кийин аял келет, бирок аны да көпкө отургузушпайт, - деди ойлуу.

- Балам ай болдучу, кайдагыны айта бербей.

- Эртең чоң апамдар келет, баягы жылкы уурдаган адам аябай түшкөн экен, - деди күлүп, - Чоң апам атамды кызматка көтөрүлдү деп улак алып келип түлөө өткөрөт экен.

- Капырай…

- Апа, эмнеге атама айтпай дагы эле жашырып жүрөсүз?

- Эмнени уулум, жүрөгүмдү сыздатпачы, ал менин күнөөм эмес.

- Анда менин атамдын ким экенин айтыңыз.

- Эмне кылмак элең?

- Өзү болбосо да атын билип жүрөйүн, - дегенде Асылкүл кызыктай болуп кетти: "Өлгөнүн да билет го, эмне кылсам, айтып койсомбу", - деп ойлонгуча эшиктен үч-төрт киши менен Анарбек кирди. Алардын артында аялдары бар экен, Анарбектин классташтары болчу, куттуктаганы келишкен. Көтөрүнүп киришкенде Асылкүл тура калып жаркылдай тосуп алды. Бака-шака түшкөн достор орун алышып Асылкүлдү тамашага салып жатты. Бир кой союп бышырып, кымыз менен сары май, асел алып келишкен экен. Көпкө отуруп таңга маал кетишти.

Эртең менен эрте туруп Анарбек жумушуна кеткен, Асылкүл экөө тамак ичип отурган.

- Апа, атамдын досторунун ичинде арам ойлуусу бар экен, аны менен катышпай эле койсун.

- Койчу, кантип эле?

- Көрө албайт экен, эч жакка аны менен чыкпасын, - деп коюп Бакберген туруп кетти.

- Кудай ай, деги тынчылык болсо экен, эмне деген бала болду деги? - деп кейий баласын эмгизип жөрмөлөп калган баланы Бакбергенди алып тур деп колуна берип жумушун жасап жатканда эшикке машина келип токтоду, чыга калса кайненеси, кайниси аялы менен экен.

- Келгиле апа, - Асылкүл жаркылдап учурашып ичкери алып кирди.

- Кандай балам, жакшылап орун алып алдыңарбы, Бакы жүрөбү, Нышаным чоңоюп калдыбы? - деп Селки жебирей суроо артынан суроо берип жатты.

- Баары жакшы апа, өзүңөр кандай жатасыңар?

- Жакшы эле, кудайга шүгүр, баягы өлүгүңдү көрөйүн Сыдыгаалы куп кана түштү да, мышык болуп калды айланайын Бакым болбосо таптакыр кол жуумак экенбиз да.

- Аны Бакы айтты деп айтпагыла, апа.

- Ийи, мен кимге айтам, ооз басырык кылып койбодубу, мен дагы Анарбекти тыйып койдум, чиедей балдары менен аялы эмне күндү көрөт эле кокуй, чоңмун деп чочоңдобой көздү жумуп, кулагыңды жапыр балам деп койдум, - Селки ыраазы боло өз сөзүнө өзү күлүп алды, - Эми ого бетер бүжүрөп эле калды байкуш.

- Эгер ошол жерден башкалар кармаса дароо эле кетмек, дагы биз боор ооруп койдук да, калган жылкыларды бүт түшүртүп салдык, - деди Арстанбек.

- Ооба десең, элден канча наалат алат эле.

- Кел чай ичкиле апа, - Асылкүл чай куюп сунду.

- Кудай жалгасын айланайын.

- Рахмат апа, - Асылкүл кайниси менен абысынына чай сунуп нан сындырды, түндөгү аяштары алып келген эттен койду.

- Ээ жараткан, ушуңа шүгүр, айылдагылардын бизге көзү түшүп калды балам, Анарбектин башынан суу айлантып чачып, өпкө чаап коеюн деп келдим, кечээ бир коңшум келиптир.

- Ийи, эмне дейт? - деп койду Асылкүл кулак түрө, кайненесинин сүйлөгүсү келип кубанычтан жетине албай турганын сезип.

- Силерге бир кут кирген, ошол кутту кармап калсаңар укум-тукумуңарга чейин эл үстүндө жүргөн уулдар жаралат дейт көзү ачыктан бетер.

- Эмне дедиңиз анан?

- Айтканың келсин, оозуңа май дедим.

- Ии-ий, - деп Асылкүл унчукпай калды.

Кымыздан ичип, эт жеп көпкө отурушту, Нышанбек ойгонуп калды эле ага каралап калганда абысыны Үмүт өзү тура калып ишин жасап жатты, Анарбек кеч келди, эртеси эртең менен ырым-жырымын жасап, улак союп өпкөсүн чаап, башынан суу айлантып чачты Селки.

- Мунун баары эскинин калдыгы да, апа, - Анарбек анча жактыра бербей күлгөн болду.

- Ботом ошо кантип болсун, илгери ата-бабабыз доктур-моктуру жок эле ырым-жырым менен жашап келген, ылайым ишиң ийгиликтүү болуп, ыргыткан ташың өргө кулай берсин уулум, оо-мийин аллахоу аквар, кыдыр жылоолоп, ырыскы жугушсун, өмүрүң узун, өрүшүң жайык болсун! - деп бата берди эле уулуна.

- Айтканыңыз келсин апа, - деп Асылкүл менен Анарбек жарыша айтып токтоп калды. Өз жосундарын жасагандан кийин күн чыга электе түлөөнүн этин таратуу үчүн Арстанбек от жагып, этти казанга асты.

Анарбек жумушуна жөнөдү.

- Балам, бир-эки саатта келип элдин батасын ал.

- Макул, апа, - Анарбек өз билгенин кое бербеген апасына карап жылмая эшикке чыкты. Ошол кезде Бакберген үйдө эле, ал чоң энесине келип:

- Чоң апа, мен бир аялдын күйөөсүн өлтүргөнүн көрдүм, - деди.

- Ок, эмне дейсиң ботом? - Селки баланы олурая карады.

- Баласы үч жылдан бери издеп жатыптыр, ошол мага келсин айтып коюңузчу, башка жактан издегени жатат, ал бул эле айылдын четиндеги бир жарда жатат, денеси бүтүн эмес, - деди да кайра басып кетти. Селки ойлонуп калды: "Ботом бу бала эмне дейт, тиги дайынсыз жоголгон Ташыбайды айтып жатабы, баласы шаардан келип издегени жатат деди эле", - деп ойлонуп калганда Бакберген кайра келди:

- Эмне болд,у уулум?

- Чоң апа, атамдарга айтпаңыз, алар мени эчтеке айтпа деген.

- Эмнеге антет?

- Эл билбесин, ушуну таап алышса башка айтпайм, - деп басып кетти.

Селки эми гана эсине келгендей: "Бул балада бирдеме бар тура, кой ырас эле көпчүлүк билсе балама зыяны тийбесин", - деп унчукпай калды. Айткандай эле эки сааттан кийин Анарбек Аким менен кошо беш-алты адамды ээрчите келди. Селки уулуна бата алып көңүлү жайланып кетээринде Асылкүлгө:

- Бакыны мен ала кетейин, кайра Арстан жеткирип коет, - деди.

- Макул апа, өзү барам дейби?

- Ботом, менин неберем го, барып эки-үч күн жүрүп келсин.

- Мейли-мейли, апа, - Асылкүл күлүп калды.

Айылга баргандан кийин Ташыбайдын балдарын айтып өлүктү таап берди, аны уккан эл агылып келе баштады. Селки дароо аны катып: "Шаарга кетип калды, атайын ошол үчүн келиптир", - деп кайтарды да дароо районго жөнөттү. Эл деген эл да билип алышып Анарбектин үйүнө келгенде алар аны катып коюп үйгө киргизбей коюшту да Анарбек Бакбергенди ошол жылы күзүндө шаардагы интернатка киргизип барды.

- Уулум, - деди кетээрде Анарбек Бакбергенди сыртка ээрчитип чыгып, бул жерден эч нерсе билдирбегин, эгерде дагы бир жолу ошентип элди дүрбөтүп алсаң карабай коем.

- Ата, мен экинчи антпейм.

- Азамат, жакшы жүрсөң бир жылдан кийин алып кетем ээ?

- Макул ата.

- Макул анда уулум, мен кеттим, - деп уулун чекесинен өөп далыга таптап коюп басып кетти.

- Жакшы бар ата, - Бакберген ойлуу бөлмөгө кирди, бөлмөдөгү балдар аны карап туруп анан сурай башташты.

- Атың ким? - деди керебети жакын бала.

- Бакберген, а сеникичи?

- Айбек.

- Меники Нурлан.

- Меники Нурел.

- А мен Жанарбекмин, - деп төрт бала тегеректеп калды.

- Сенин ата-энең жокпу?

- Бар.

- Эмнеге сени биерге алып келип койду?

- Жөн эле.

- Жинди десе, бул жерге эч кимиси жокторду алып келет, - деди Нурел ага.

- Силердин ата-энеңер деле тирүү го? - деди Бакберген.

- Кантип, биз томолой жетимдербиз, - деп Нурлан досторуна кайрылды, - Чынбы, балдар?

- Айбек, - деди Бакберген балдарды бирден карап, - Сенин апаң таштап кетиптир, эми издеп жүрүптүр. Нурландын апасынын жигити таштатып койгон экен, Жанарбектин атасы тирүү, апасы өлгөн, а Нурелдин ата-энеси экөө тең бар, алар балдарын бага албай сени убактылуу эле бул жерге алып келиптир, жакында алар келип алып кетишет.

- Сага буларды ким айтты? - Айбек чукчуңдай карады.

- Сага эки күндөн кийин кишилер келет, апаң сени таап өзүмө алам деп жатыптыр.

- Кантип билдиң?

- Ошондо көрөсүң, - деп Бакберген жатып алды.

- Ошого ишенип каласыңбы, тим кой жата берсин, - деп Нурел өз керебетине барып отуруп алды, ал абдан капалуу: "Эмнеге башка балдарын алып калып мени бага албай таштап коюшту, мен деле бир туугандарым менен чогуу болот элем го", - деп жатып калды. Ар бири өзүнчө ойго чөмүлдү, Бакберген: "Атам эчтеке деп сүйлөбө дебеди беле, эмнеге айттым, эки күндөн кийин мугалимдер биле баштайт, анан эмне кылам", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Кечки тамак маалы болгондо балдар менен ашканага кирди, Сүйүн деген кыз ага жакын келип:

- Сен жаңы келдиңби? - деди жылмая, - Атың ким?

- Бакберген.

- Жакшы ат экен, менин атым Сүйүн.

- Сенин атың дагы жакшы ат экен.

- Рахмат, Бакберген сен эмнеге келдиң?

- Жөн эле…

- Жөн эле? - Сүйүн күлүп жиберди, - Жөн эле келмек беле, бизди ата-энебиз баш тартып койгон, а сени ушунча чоңойтуп коюп анан кантип таштады, өзүң сулуу экенсиң.

- Мени таштаган жок.

- Анан эмнеге?

- Жөн эле дебедимби, - Бакберген жини келе дулдуюп тамагын иче баштады, Сүйүн ага жакын отуруп алып сүйлөп жатты.

- Ата-энең шаардабы?

- Жок, айылда турабыз.

- Кайсы айылда?

- Мен Оштон болом.

- Аа-а, менин ата-энем ажырашып кеткен экен, апам башкага турмушка чыгып кеткен, өгөй атам мени жактырбай биякка таштатып койгон.

- Апаң келип турабы?

- Мурда келчү, азыр келбей калды.

- Жаман болуптур, сагынасыңбы?

- Сагынам, келеби деп күтөм, - Сүйүн кабагын бүркөй калды, - Өгөй атам жибербей жатса керек.

- Жок Сүйүн, сенин апаң катуу ооруп калган, сени көп ойлойт, башка балдары да бар экен, - дегенде Нурел угуп калып:

- Сүйүн, алдагы келесоо менен сүйлөшпөй эле кой, оюна келгенди айта берет, - деди жанына келип, ал Сүйүндү жакшы көрчү, балалык сезиминде кызды кызганып турган эле.

- Нурел, сен эмнеге антип айтасың, Бакберген жакшы бала экен, достошуп албайсыңарбы?

- Ушул дөөпөрөс менен ким дос болот? - деп Бакбергенге кайрылды, - Сен Сүйүндүн жүрөгүн оорутпа.

- Менин жүрөгүм оорубайт, ал туура айтты, эгерде менин апам ооруп калбаса келмек.

- Ал сени ишендирип койдубу, анда уга бер, - деп басып кетти, тамактанып бүткөн соң Сүйүн менен ээрчише ашканадан чыгып өз бөлмөсүн көздөй баратканда коридордон Нурел, Айбек менен Жанарбек, Нурлан болуп башка балдарды чогултуп тосуп туруптур:

- Бакберген, жүрү эшикке чыгабыз, жакшылап таанышабыз дейт балдар, - Айбек ага тикелей калып акырын ушинткенде дагы бири келди:

- Катарыбызга кабыл алып коелук, - деди көзүн кыса, булардын баары жеңил курактагы өспүрүмдөр эле.

- Жүр барасыңбы? - деди Нурел.

- Барам, - деп балдардын артынан сыртка жөнөдү, чоң короонун тээ түпкүрүнө барып Бакбергенди ортого салып алып бири айлана басты:

- Кана өзүң жөнүндө атып берчи.

- Эмне кереги бар?

- Ошончо деловойсуңбу?

- Жок.

- Анда сүйлө деп жатам! - деп бакырганда ал чоочуп кетип айтып берди, - Эми биз жөнүндө айт, кана мен кандай экенмин?

- Сени төрөлгөндө таштап кеткен, баккан ата-энеңдин тилин акылын укпай үйдөн качканда сени биякка алып келген.

- Эй-эй-ээй, сага буларды ким айтып жүрөт?

- Апаң сени таштаган үйгө келип жүрөт, бирок балам кайда деп сурай албайт, сен түрмөгө түшкөнүңдө апаңа жолугасың, - деди Бакберген токтолбой.

- Эмне, мен түрмөгө түшөмбү? - Тикирейе карап ойлонуп калды.

- Ооба, алыс эмес.

- Кызык экен, жүргүлө балдар, муну тим койгула, былжырай берсин, - деп Уланбек балдарды өзү менен алып кетти.

Чынында Уланбек дал ошондой эле, таңгалып калды, бирок ажыкысы кармап кайра бурулду:

- Эмне болду, Улан? - деди бири.

- Акесин таанытам азыр, буга ким айтканын айтпаса, - деп жинденип келди да Бакбергендин маңдайына тура калды, - Кана, менин тагдырымды сага ким айтып бергенин айтып бер!

- Эч ким айткан жок.

- Айт деп жатам, бирди көрүп кала элегиңде! - деп муштумун тумшугуна такады.

- Өкүнүп каласың, колуңду тарт!

- Сени ургандан өкүнбөйм, балким рахат алаармын, - Мылжыя күлүп мазактай карады, - Кана, айтасыңбы жокпу?

- Эмнени айтам?

- Мына сага! - деп бир койду эле тумшугунан жылуу кан сызыла түштү, - Айт деп жатам.

- Мен сага болгонун айттым.

- Анда өзүңдөн көр! - деди да тээп, муштап Бакберген жыгылып түшкөндө баары тепкилеп кирди, - Ар бириң теппесең менден көрөсүңөр, кана коркпой тепкиле! - деди да тепкилеп туруп кетип калышты, аларды байкап калган Сүйүн көрүнбөй бөлмөлөрүнө кирип кеткенде жүгүрүп келип жерде бүрүшүп жаткан баланы көрүп үйрүлө калды:

- Бакберген, алар катуу урдубу, тур азыр эжелерге айтам, сени алып барып көрсөтөм, - деп өйдө кылды.

- Азыр, өзүм турам, - Бакберген өйдө болуп кийимин кагынды да Сүйүн менен жөлөнө жатакананы көздөй басып келе жатты.

- Алар жаман балдар, мен байкабай калдым кечир.

- Сүйүн, сен муну эч кимге айтпай эле кой.

- Эмнеге, ал жазаланат, мунусун билсе бир сутка тамак бербей камап коюшат, - деп Сүйүн ага сырларын айтып келе жатты.

- Сүйүн, тим кой, ал өз жазасын ансыз дагы алат, - деп бөлмөгө кирип кийимдерин алды да душка кирип жуунуп чыгып ордуна келип жатып калды.

Эртеси эч кимиси унчуккан жок, үч күн өткөндө Айбекти тарбиячы чакырып калды. Көрсө төрөгөн энеси издеп келген экен, кабинетине алып кирип:

- Айбек, сенин өзүңдүн апаң келди, ал сени көптөн бери издеп жүрүптүр, - деди эле Айбек:

- Мен билем, - деди үңкүйө.

- Кимден уктуң эле?

- Бакберген айткан.

- Ал кайсы бала, ким ал?

- Жаңы келген.

- Жаңы келген бала кайдан билиптир? Болуптур, азыр сени апаңа жолуктурам, бырылдап ыйлабай токтоо бол, сен чоңоюп калбадыңбы?

- Эмнеге таштап кетет, мен аны көргүм келбейт.

- Кой антпе Айбек, ар кандай учур болот, атайын таштабайт эне деген, ошого аргасыз болгондур, али кеч эмес, өз энеңдин мээрими сени жибитет, адегенде көр, учураш…

- Эжеке, көрбөй эле коеюнчу.

- Болбойт, азыр чыкыйып мени менен чыга гой, жүрү эмесе, - деп Тарбиячы аны колдон алды.

- Кое бериңизчи, өзүм басам.

- Макул, жүрө гой.

Аларды чыдамсыздык менен күтүп турган келин утурлай басты:

- Каралдым десе, чоңоюп калган тура, - Көзүнө жаш алып кучактап калды.

- Чоңойтуу кыйын болуп таштадыңыз беле? - деди Айбек кабагын ачпай үңүрөйө.

- Жок каралдым, ошондой болгон, кийин кайра таппай калдым, мени кечир садагам, атаңдын эле өзү болупсуң, - деп ыйлап жатты.

- Менин төрөлүшүмдү каалабай сизди таштаган адамды мен атам деп айта албайм!

- Кой анте көрбө, ал жок бул дүйнөдө, эгерде биз бирге болгондо сени кантип таштамак элек, мени кечир уулум, күнөө менде каралдым!

- Актана бербеңиз, мени кантип таптыңыз, балким адашып жаткан чыгаарсыз, мен сиздин балаңыз эмес болсомчу?

- Жок-жок, сен экениңди билип турам, атыңды Айбек деп өзүм койгомун, анткени атаң ар дайым айтчу, балабыздын атын Айбек коебуз деп.

- Баары бир, сиздин менин апам экениңизге ишенбейм.

- Мен төрөт үйүнө бардым, ал жерден сени балдар үйүнө беришкенин айтты, - Саадат тарбиячыга кайрылды, - Эже, келгенде колунда төрөткананын кагаздары болуу керек эле, анан делосу…

- Мен аны карай албайм, канча жылдан бери иштеген директор өзү билиши мүмкүн, - деди тарбиячы.

- Директор өзүндөбү эже?

- Азыр ал жок, ошону үчүн өзүм алып чыктым, кыргызчылык кылдым да, болбосо бизде дагы тартип бар, аныктамайынча эне баланы көрсөтпөйбүз, - деди тарбиячы жылмая, анткени ал бул кызматы үчүн көрүнбөгөн тыйын алган, - Эртең эрте кел, директор өзүндө болот, бардык документтерди өзү билет.

- Айбекти ээрчитип чыгып бир аз басып келсем болобу?

- Жок-жок, мен жооп берип калам, ар бир бала үчүн жооп беребиз, эртең келип анан тастыктайсыңар, - деп Айбекке карады, - Жүр балам кирелик, экөөбүз тең тил угуп калбайлы, түшкү тамак маалы болуп да калды.

- Макул эжеке, - Айбек тарбиячысынын жанын келди.

- Мейли эже, мен эртең эрте келейин, Айбек, эртең келем, уулум, - деп Саадат кылчаңдай басып короонун эшигине баратты. Айбек ойлуу бөлмөсүнө келди да унчукпай жатып алды:

- Айбек, сага ким келди? - деп сурады Нурел.

- Апаң болом дейт го?

- Чын бекен анан?

- Билбейм.

- Сен өзүңдү ала качпа Айбек, ал өзүңдүн апаң, - деди Бакберген.

- Чынында сен таңгалаарлык экенсиң, кантип билдиң, ушунча жылдан бери келбеген апамдын келээрин? - Айбек башын көтөрө Бакбергенге карады, - Сенин айтып берчүң барбы ыя?

- Ал башка кеп, - деп Бакберген ары карап кетти.

- Эми менин ата-энем дагы келеби? - Нурел Бакбергенди суроолуу карады, - Келип алып кетсе жакшы болот эле.

- Кам санаба, келишет.

- Айтканың келсе экен, - Нурел улутунуп алды.

- Балдар, түшкү тамакка баргыла, - деди тарбиячы келип.

- Ур-ре, курсак курулдай баштады эле, жүргүлө балдар, - дешип ээрчише ашканага киришти.

Бул жолу Бакбергенге эч ким үндөгөн жок, баягыдан жакындап көнүшүп калгандай болду. Сүйүн болсо анын жанынан чыкпай ынак болуп калды, түштө экөө бакка кирип көпкө сүйлөшүп отурушат. Бакбергендин айтканы туура болуп Улан бир айдын ичинде уурулук менен түрмөгө түштү, жашы жете электердин колониясында жүргөндө аны ошол эле жерде иштеген ашмачы аял көрүп калып эсин жоготуп салды. Көрсө Уландын оң жак чыкыйындагы чоң кызыл анарын көрүп тааныган экен, сураштырып балдар үйүнөн келгенин билип эле өзүнө жолугуп айтып таап алганына кубанып жүрдү. Улан ошондо ойлонуп Бакбергенди эсине түшүрдү да ошол жерде кеп кылып жатканын угуп эки аял балдар үйүнө келишти. Алар келээрден жарым саат мурун Бакберген Сүйүнгө:

- Мага эки аял келе жатат, ал жок деп койчу, - деди.

- Эмнеге, жолугуп кое бер, балким өз апаң болуп калышы мүмкүн го?

- Жок, менин өз апам бар, алар мени ушул айтып койгонум үчүн жазалап алып келип койгон.

- Чын элеби?

- Ооба, элдер келе беришет да.

- Кызык экен, - Ошол убакта эки аял келип Бакбергенди акырын сураштырып Сүйүн менен отурганда чакырып калды. Бакберген ал аялдардын жанына келгенде эле:

- Сиздер мени Уландан угуп келдиңиздер, - деди да бирине карап, - Сиз турмушуңузда үч ирээт бакыттын келгенин сезген эмессиз, эми сиздин үйдө бир жамандык болот, а сиз, - Бакберген беркисине кайрылды, - Сиздин алыс жакта бир уул, бир кызыңыз бар экен, кызыңыз алданып барып алып келе албай жүрөт, уулуңуздун иши жакшы, - деди да артына бурулуп, - Эми менден башка нерсе сурабаңыздар, - деп тез-тез басып кетип калды. Эки аял эмне дээрин билбей, ооздорун ачкан бойдон кала берди, мынчалык билет деп ойлошпогон, биринин күйөөсү ооруп ооруканада жаткан, бири ошол кызынын дайынын биле албай ошону сурамак болгон эле. Көптө барып артына кайрылышты.

- Ой укмуш бала го ыя, балдар үйүндө мындай баланы кантип кармап жатат ыя?

- Билбейм ай, эмне дээримди билбей да калдым.

- Дагы бирөөнү жөнөтүп көрүш керек экен.

- Баса менин агам бир баласынын дайынын билбей жаман болуп жүрөт, ошону буга алып келсемби?

- Мен тигил бир тууган бөлөм кызматка көтөрүлөм деп эле жүрөт, ошого айтайынчы.

- Анда эртең келели да баланы акырын сыртка чакыралы, анан жай сүйлөшөлү, - дешип жумушуна жөнөштү.

Арадан көп убакыт өтпөй эле Бакбергенди сурагандар көбөйүп, тарбиячылар алардан уга баштады. Кызматчылар ага келгенде өзүнчө сүйлөшмөк болуп алып кетип кайра алып келебиз дегенде болбой койду директор, бир министр келип андан кызматына бирөөлөр көз артып жатканын айтты эле ага Бакберген:

- Сиз көп кишинин убалына калыпсыз, эми дагы бирөөнө буйрутма берип коюпсуз, кызматка көтөрүлөм десеңиз адамдардын бөөдө өлүмүнө себеп болбошуңуз керек эле, сиз кылмышым билинбесин десеңиз жумушуңузду таштап башка жакка кетип калыңыз, - деди Бакберген тайманбай.

- Ой бала, мени оюнчук ойлоп жатасыңбы, байкап сүйлө, - деп ал министр чоңдугуна салды эле:

- Эгер кызмат деп туруп алсаңыз түрмөгө түшөсүз, ушундайда тынч болуңуз, - деди да ары карап кетти, - Айгагыңар бар!

- Так-та-ак, так-та-ак ушундай де, - деген министр ошол күнү үйүнө капалуу келди, аялына кеңешип өз ыктыяры менен жумуштан кетээрин уккан чоңдор таңгалып жатышты. Бирок тез арада өзүнө караштуу крим дүйнөнүн адамдарын чакыртып баланы жок кылуунун амалын издей баштады.

Ошол күнү Бакбергенди телефонго чакырды тарбиячы.

- Атаң чакырып жатат, кызык кыргыздар эмне болуп баратат, ата-энесин карылар үйүнө тапшырса чырактай балдарын жетимдер үйүнө алып келип.

- Эжеке, мени биротоло таштаган жок, - деди Бакберген ага жооп кайтарып.

- Макул эми, сүйлөшө гой, - Трубканы карматты.

- Ата кандайсыңар, апам кандай жүрөт?

- Баары жакшы, өзүң кандайсың, көнүп калдыңбы?

- Ооба, бирок эртең мен үчүн оор күн, качып кетүүмө туура келет, ата, - деди Бакберген эки жагын карап, тарбиячы чыгып кеткен, - Менин дайнымды билип атайын өлтүргөнү жатат!

- Эмне дейт, мен сени тынч жүр дебедим беле?

- Болбойт экен ата, түндөп кетпесем бул жерден опоңой алып кетет да жок кылышат.

- Мен түндөп барып калайын, даяр тур.

- Макул.

- Сүйлөштүк, эч ким билбесин, - деп Анарбек трубканы коюп койду, ал ошол күнү эрте чыкты, жолгата ар кайсыны ойлонуп келип таңга маал жетип келди, Бакберген уктабай күтүп жаткан, эшик тоскон аял уктап жатса керек эч нерсе билген жок, шырп алдырбай чыкты да тигиндейрээкте токтоп турган унаага жетип эле отурду да жөнөштү.

- Ата, мени кечир, - деди күнөөлүүдөй Бакберген.

- Баласың да, өз өмүрүңө коркунуч келээрин сезбедиң.

- Эми таптакыр сүйлөбөйм, - деди да башын жерге салды.

Көз ирмебей жол жүрүп кечке маал үйүнө алып келип апасыныкына барды да Арстанбектин жайлоодогу үйүнө алып келип катып коюшту. Эл деген дароо угаары менен ага келе баштады, айыл элинин карапайымдыгы баланы аз жерден өлтүрүп кое жаздады. Бир аял бир тууган инисинин жоголгонун айтып ыйлап келгенде:

- Эне, иниңиз аман-эсен, бирөөгө жалданып иштеп чыга албай жүрөт, - деди Бакберген.

- Оозуңа май айланайын, деги жакын арада келе алабы?

- Качып чыгышат, жалгыз эмес, бир-эки айдын ичинде келип калат.

- Кудай өмүрүңө береке берсин балам, - деп ал аял колуна акча карматты эле.

- Кереги жок, мен акча табуу үчүн алганым жок, - деп албай койду, бир жума дегенде Арстанбекке Бакберген эртең менен эрте:

- Аке, бүгүн мында чоочун адамдар келишет, мени катып койбосоңор болбойт, мени текшертебиз деп алдап кетип өлтүргөнү жатышат, - деди, ошол убакта ылдыйтан машинанын чаңы көрүндү, Үмүт шашкалактап жүгүн буза коюп эң алдына төшөккө ороп жыйып койду.

Аңгыча машина боз үйдүн тушуна токтоп ичинен үч-төрт кычыраган адамдар түштү. Арстанбек аларды утурлай басты:

- Ассалоому Алейкум!

- Алеки салам, жигит киши көргөн бала ушундабы?

- Ооба, ушул жерде, бирок ал каалаган жакка басып кетмейи бар, бир жумалап жоголуп кайра келет, - деди.

- Күтсөк болоор бекен?

- Күткөндө келбей калсачы?

- Качан чыкты эле?

- Ал өзү таңкаларлык бала, эртең менен эрте туруп кетет, өзү биз аны багып алганбыз, кичинесинен дейди өскөн экен, - деп Арстанбек жамандап салды, - Үмүт, чай кой аксакалдар үйдөн даам сызышсын.

- Аа-а кирелик, даам ооз тий деген улуу салт, - деди бири чирене басып, ээрчише боз үйгө кирип эки жагын абай сала карап бир чыныдан чай ичип анан кайра чыгышты. Айланчыктап көпкө турушту дагы машинага отуруп келген жагына кетишти, Бакберген бул маалда араң дем алып жаткан. Дароо чыгарды да:

- Бакы, сен этият болбосоң болбойт, эми чоңойдуң, өзүңө сак бол, элдин аки-чүкүсүн айтып бербей эле койчу, - деди Арстанбек.

- Экинчи киши көрбөйм.

- Эми келген кишиге сени кеткен деп айтабыз, тигилер эми аңдышат, сени тааныбайт, кайнатамдыкына түн кире жеткирип келейин.

- Макул аке, булар азыр кетпейт, өздөрү киши өлтүргүчтөр экен, алар өлтүргөн адамдар белгилүүлөр экен, - деп улутуна көзүн жумуп бир топко отурду, - Азыр айылдан бирөө келет аке, кайрадан жүккө бекинбесем болбойт, - деп тура калды, Үмүт кайрадан жүккө ороду, бул жолу анын оозуна торду коюп артын каратып койду. Көптөн кийин атчан адам келди.

- Ээ Арстан, иниң барбы, балам?

- Жо-ок, эртең менен чыгып кеткен бойдон келе элек.

- Ка-ап, бир уюм жок, издебеген жерим калбады.

- Түшүп даам ооз тийиңиз.

- Жок балам, уюмду издейин, - деп өйдө карай бастырып кетти.

Бул адамды атайын жиберишкен эле, үйүндө болбосо тоого чыгып кокту-колоттон карап кел деп акча беришкен. Бир кезде Бакберген чыдай албай кетип жүктү кулатып алды, ошондо Үмүт аны жүктүн артына узунунан жаткырып бери жагына төшөгүн жыйды. Атчан адам тээ жогору барып кырга отурду дагы Арстанбектин боз үйүн дүрбү менен карап отура берди, Арстанбектен башка жан көрүнбөгөн соң кайра ылдыйлап өтүп баратып да сурады. "Жок" деген жоопту уккан соң жолуна түштү, күүгүм кире Бакбергенди артына учкаштырып алып төш таяна кайнатасынын үйүнө жеткирип кайра келсе үйдө баягы төрт киши отуруптур.

- Келиңиздер.

- Келип калдык, зарыл жумушубуз бар эле, ошол баланын атын угуп атайын келгенбиз.

- Айла канча, мен дагы аны издеп келдим, агам балалуу болбой жүрүп ошол баланы багып алды эле, жоголуп кетсе эмне деп жооп берем, билбейм, - деп Арстанбек актанып кирди.

- Эми айла канча, - деди буркуйган немеси.

- Келип калаар, биз дагы өз тагдырыбызды билип кетели, - деди бири.

- Кабатыр болбоңуздар, ал ошондой жок болуп кайра келип турат, анын бирдемеси бар го, келээр жери ушул жер, - деди Арстанбек камырабай.

- Кой анда биз кетели, жай бар кыш бар дегендей, бир көрүнөөрбүз, - дешип бири-бирин ымдап чыгып кетишти. Алар ошол бойдон келишкен жок, бирок көпкө аңдышты.

Калыбай Бакбергенди жертөлөсүнө киргизип багып жатты, колу-коңшусу көрсө дагы айтып коебу деп иги-жигин билгизбей карады. Арадан бир ай өткөндө айыл арасын: "Бакберген жоголуп кетиптир, жөлөмөлөрү алып кеткен го", - деген кеп тарап ошол бойдон ың-жыңсыз болду. Түндөп районго алып келип үйдөн чыгарбай, конок же достору келсе көрсөтпөй бөлмөсүндө гана болуп жатты. Бакберген дагы сүйлөбөй өзү менен өзү болуп калды, Нышанбек жүгүрүп сүйлөп калган, жакында анын эрдин жаматып келишти, бактыга жараша үстүңкү ээрдин жаматкандан кийин такылдап сүйлөп кадимкидей сүйкүмдүү бала болуп баратты. Асылкүлдүн бактысында чек жок, бир күнү Анарбек төшөккө жаткандан кийин:

- Асыл, сен бир нерсени өмүр бою жашырып өтөсүңбү? - деди аста кучактап.

- Анаке, сен эмне деп жатасың?

- Мейли өзүң бил, бирок бир нерсени мага айтышың керек эле.

- Анаке, сен эмнени уккуң келет? - Асылкүл көкүрөгүндө толгон бугу жан дүйнөсүн сыздатып, алтымыш тамыры зыркырап, качанкы өткөн бактылуу да, өкүнүчтүү да күндөрү көз алдына тартылып үнү дирилдей, - Корком, сени жоготуп алуудан корком, - Улутунуп алды, - Ырас, чындыкты билүүң керек, мени кечирээрсиң же эки баламды колума берип жолума салаарсың…

- Асыл, антип жаман ойлобо, бирок мен билем, өз оозуңдан уксам дегемин, макул кааласаң айт, же айтпа, мен сени эч жакка кетирбейм жаным, - Анарбек аялын эркелете чачынан сылап чекесинен өөп койду, - Ошончолук сага оор келсе айтпай эле кой.

- Кечир мени, мен баланы таштаган эмес элем, апам атамдан коркуп мага балаң өлүк болуп калды деп өзү алып кетип калыптыр, кийин төрөбөй калганымда мага ошол баланы багып ал деди, Анарбек, - деди Асылкүл солкулдап ыйлап.

- Кечиргенде-кечирбегенде эмне, сен менин сүйүктүү балдарымдын апасы, жаным бирге жарымсың, кимден катачылык кетпеген.

- Сен ошондо мени ызалантып кетирбегенде Бакберген экөөбүздүн балабыз болмок…

- Өкүнбө жаным, экөөбүздүн балдарыбыз экөө тең, мен Бакбергенди өз баламдай эле көрөм, өкүнүчтүүсү…

- Эмне, эмнеси Анаке? - Эне далбастай түштү.

- Өкүнүчтүүсү көп баладан башкачалыгы, кудайым аны керемети күчтүү жаратканы…

- Эчтеке эмес, баары ордуна келет, акылы токтолгондо баарын унутуп калат, өзгөчө жаралганы кудайдын берген касиети.

- Асыл.

- Оов…

- Сен Бакбергендин атасын сүйдүң беле?

- Койсоңчу, сүйгөн деле эмесмин, сенден өчүмдү алуу үчүн каталыгым болду, сен мени катуу ызалаганың эсиңдеби?

- Жашчылык да жаным, каталык экөөбүздөн тең кеткен, - Анарбек бир кездеги өзүнүн каталыгын эстеп ичтен сызды: "Бул ар бир жаштыкта болуп өтчү нерсе болсо керек", - деп ойлоп өткөн кезинин бир үзүмүн көз алдынан өткөрүп жатты.

Асылкүлдү сүйлөшпөй эле ала качып алган, жаңыдан университетти бүтүрүп келип совхоздо иштеп жаткан, Асылкүл бой көтөрүп анча бой салбай жүргөндө өчөшүп совхоздо иштеген секретар келин менен мамиле түзүп алды, анын үстүнө Асылкүлдүн жаш кездеги жигитин угуп калып ого бетер кызганычы күчөп, андан өч алгысы келген. Кээде үйгө келбей да калат, түнү бою күтүп жатып уктап калат Асылкүл, келгенине жарым жыл болуп калган, бир жолу кайненеси келинине:

- Ботом, эриңди өзүңө тарталбайт окшойсуң, эркек деген өтө кекчил болот, үйгө да келбей калды, жумушуна барып билип кел, - деди.

- Апа, кантип барам, уят го?

- Уят деп жүрүп эри жок каласың, жасана кийин дагы барып кел, - деп өзү карап, кийимин тандап кийгизип жөнөтүп ийди.

Түш чен болчу, кабинетин деле көргөн эмес, контордун коридорунда эки жакты карап баратып Анарбек Ысмайылбеков, бухгалтер деген кабинеттин тушуна келген, токтоп калды, ичтен шаңкылдаган үндөр угулуп жаткан эле, бир аз тыңшап турса: "Айнагүл, мен сени сүйөм, мага ишен", - деген күйөө сөрөйүнүн үнүн тааный коюп кандайдыр бир күч аны түрткөндөй эшикти какпай кирип барды, экөө бет маңдай отурган экен, ортолорунда чай, нан менен кошо тамак аш турат.

- Асыл, сен эмнеге келдиң? - Анарбек тура калды.

- Үйүң барбы же жокпу, силерге жумуш убактысында ушинтип кыңшылашып отура бергенге уруксатпы? - деди Асылкүл жаш болсо да.

- Эмне, текшергени келдиңби? - дегенде секретарь кыз Айнагүл чыгып кетип калды.

- Мен эмес, апаң жиберди, мен үчүн сенин бар-жогуң баары бир! - деди да эшикти катуу жаап кетип калды.

Анарбек кечке маал келгенде апасы утурлай тосуп:

- Кана келин? - дегенде түшүндү, анын түз эле төркүнүнө кеткенин.

- Мен аны көргөн жокмун, - деп бурк этти Анарбек.

- Ботом, сага жибербедим беле?

- Билбейм, - деп бөлмөсүнө кирип жатып алды.

Асылкүл ыйлап-сыктап апасына келди, ал анын түрүн көрүп чоочуп кетти, бирок ичинен аяп алды: "Кызым а-ай, дагы эле ата-энеңдин төрүндөгүдөй эркелегиң келет, үйбүлөнү түшүнгөндө гана сезээрсиң", - деп ойлоп:

- Мейли балам, бүгүн жатып алып эртең бар, эриң эчтеке дебесе же кайненең бирдеме дебесе мунуң болбойт, - деди да унчукпай калды.

- Мен эми эч качан барбайм.

- Эмнеге, ботом?

- Барбайм дедим барбайым, - деп ичке кирип кетти, бирок эртеси эле Анарбектин Айнагүлдү киргизип алганы эч кимдин оюна дагы келген эмес. Анарбек кечинде тултуюп эчтеке ичпей жатып алды да таң атпай үйдөн чыгып бир-эки сааттан кийин эле Айнагүлдү ээрчитип келди.

- Балам, Асылга барган жоксуңбу? - деди Селки жанындагы келинге көңүл бурбай эле.

- Апа, эми Асылды унут, мына келиниң, андан жакшы келин болуп берет, - деп Анарбек айтканда Селки эмне дээрин билбей калды, оозуна сөз кирбей делдейген бойдон туруп калганда Анарбек, - Апа, келиниңди үйгө киргизбейсиңби? - дегенде гана эсине келип:

- Балам, аял алуу жоолук алмаштыруу эмес, экөөңөр тең азыр барып өз ишиңерди кылгыла, каргышка калба, - деди, - Адегенде ажыраш!

- Апа, кийин ажыраша беребиз, биз бири-бирибизди сүйөбүз.

- Сүйбөй сүмүрөн кал, бирөөнүн чырактай баласын оңой таштап кете албайсың, сыйыңар менен артыңарга кайткыла! - деди да үйгө кирип кетти.

- Апа!

- Болду, сен мага кайрылып сүйлөөчү болбо! - деди да эшикти тарс жаап кирип кетти.

Анарбек эмне кылаарын билбей туруп калды.

- Анарбек, сен мени уят кылдың, баары бир мени апаң кабыл албайт, кеттик, - деп Айнагүл артка бурулду. Бул окуя бат эле элге жетип, андан Асылкүлдүн ата-энесине дагы жетти. Бирок Шермат унчукпай түнөрүп эч ким менен сүйлөшпөй калды, ошол бойдон тым-тым болуп калат беле, Асылкүл көчөдө классташы менен сүйлөшүп турса Анарбек машинасы менен Айнагүлдү салып баратканын көрүп бурулуп кеткенде токтоп машинадан түшүп келип Салияга учурашты да:

- Мен Айнагүлгө үйлөнгөнү жатам, курбуңа айтып кой, бизге жол тоспосун, - деди да машинасына отурду.

- Өзүң айт, мен эмнеге айтат экенмин? - деди Салия жини келип.

- Эмнеси болсо да жолубузду тоспосун, баары бир мен аны менен жашабайм! - деп жүрүп кетти, дарбазасынын ичинде туруп баарын уккан Асылкүл ыйлап жатты, ал өзү деле анча берилбегени менен намысы жанын жай алдырбады. Көпкө чейин үйдөн чыкпай калды, Салия менен Умсунай келип аны сооротуп, көңүлүн жубатып кетет, бирок Анарбекти ата-энеси үйлөнтпөдү, бара-бара Айнагүлдөн да сууп Асылкүлдү ойлонуп калды, бул кезде Асылкүл шаарда жүргөн. Ысмайылбек менен Селки коюн союп, тартуу белегин алып кечирим сурап келип жатышты, Асылкүлдүн кабарын билбей Айымбү аларга калп айта баштады:

- Ал болбой жатат, эми экөө жашай албайт го, насиби бөлүнсө айла канча, башка келин издей бергиле.

- Жо-ок кудагый, мен Асылдай келинимди кетирген эмесмин, күнөө менин уулумда экенин билем, Асылкүл жаштык кылбадыбы, үйгө эле бара бербейби.

- Эми ал кез өттү кудагый, өздөрүнүн жашоосун өздөрү чече турган куракка жетишти, киришпей эле коелу, - деп Айымбү кызынын өлүү тирүүсүн биле албай жүргөнүн билгизбей узатат.

Ошентип жүргөндө улуу кызы шашылыш келип калып Асылкүлдү алып келгенден кийин Анарбек өзү дагы кечирим сурап туруп алды. Ал убакта башынан көптү өткөргөн Асылкүл: "Анарбек Айнагүл менен ойносо мен дагы куру калганым жок, ойноп күлдүм, каалаганымдай жүрдүм, өкүнүчтүүсү Турсунбегимдин өлгөнүн билбей калганым", - деп ойлонуп кечирим сурап кайра-кайра келгенинен кайрылып келин болуп ак жоолук салынган, кыз курагы менен коштошуп, ак босогону аттаган үйгө келди…

Ушуларды ойлонуп уйкусу качып жатып Асылкүлдү караса ал эч нерседен бейкапар борсоюп уктап жаткан эки жашар уулун аппак эмчегин булайта эмгизип жатып уктап калыптыр: "Менин алгачкы да акыркы түбөлүк бактым ушулар гана", - деп кырдана Асылкүлдү эңкейип жаагынан, кулак түбүнөн өөп жатканда ал ойгонуп кетти:

- Анаке, уктай элексиңби?

- Көз илинээр эмес.

- Мен уктап кеткен турбайынбы?

- Уктай бер, кечке бала менен чарчайсың.

- Сенчелик эмес, сенин ишиң көп, отурганга да чамаң жоктур, - деп эркелей уулун ары жылдыра бери бурулду, - Эс ал, алтыным.

- Сендей сулуу аялым турганда жөн эле эс алып, чарчаганым билинбей калат жаным, үчөөңөр менин бактымсыңар, андан ашкан бакыттын мага кереги жок, - деп аймалап төшөк үстүндө көпкө уйпалашып жатты.

Алардын бактысы чексиз эле, бир жаңылыштык кетирип экөө тең түшүнүп калган, ошондуктан азыр алдыдагы жашоосун балдары менен өткөрүп, ошолордун келечеги үчүн арнап келе жатат. Бакберген балдар үйүнөн кеткенден кийин Айбектин апасы Саадат келип документтерин издеп таптырып өз баласы экенин билгенден кийин Айбекти эптеп жатып алып кетти. Адегенде ээрчитип паркка алып барып ойнотуп, андан кийин кафеге алып кирип кардын тойгузду, кечке маал сумкаларды көтөрүп алып үйүнө келди. Келгенден кийин Айбекти жанына отургузуп алып кучагына кысып жатты.

- Берекем, көлөкөм менин, мени кечирип кой берекем…

- Апа-а.

- Оо-ов уулум.

- Эмнеге мени таштагансың?

- Уулум, азыр сага бир баштан айтып берем.

- Атам сизди таштап кетти беле?

- Жок уулум, ал өлүп калган, эгерде ал болгондо биз бактылуу болуп жашамакпыз..

- Эмне, ооруду беле?

- Жок, капыстан көз жумду, мен анын кайгысына чыдай албай калдым, сен боюма болгонун билген эмесмин, ал экөөбүз үйлөнгөнү жатканбыз, ата-энесине айтканы кеткен, ошол бойдон көптө келди, баргандан кийин өнөкөт оорусу кармап калыптыр, мага келип эле:

- Саадат, сенин бактыңды байлагым келбейт, мен сенин кадырыңа жете албайм, - деди, өзү абдан арыктап кетиптир, мен ыйлап жибердим.

- Эмнеге антесиң, ата-энең каршы болуп жатабы?

- Жок-жок, жолдон эле ооруп калдым, врачтарга көрүнүп текшерилсем ашказанымдан рак оорусу табылыптыр.

- Сен дарылансаң сакайып кетесиң.

- Жок, рак өтүшүп кетиптир дейт врач, - деди жаны кейий.

- Эмнеге, мен кантем анда, жүрү врачтарга баралы, дагы жакшылап текшертели, балким сакайып кетээрсиң, - деп мен ыйлаганымда макул болду, көрсөтүп толук текшерүүдөн өттү, бирок оору күчөп кеткен экен, ооруканага жаткырып күндө жанында болуп карап жаттым, күндөн-күнгө абалы начарлап баратканын көрүп ага билгизбей ыйлап-ыйлап алам, бир күнү ал мени жанына отургузуп колумдан кармап көпкө жатты:

- Саадат, мен сага түйшүк салып койдум, - деди анан, - Ойлогон ойго жетпей арманда кете турганым өкүнүчтүү, - деди Өскөн шуу үшкүрүнө, анткени анын алы жок эле, бир аз сүйлөп эле кайра токтоп жатып көпкө сүйлөдү, мен ыйлап да, аны карай албай сыздап дагы отурдум.

- Өскөн, сен жакшы болуп кетесиң, өзүңдү кыйнабачы, - дедим араң зорго.

- Көңүлүмдү көтөргөнүңө ыраазымын Саадат, сен кайт үйүңө, сени бактылуу кыла албадым, жок дегенде артымда туяк калса арманым жок эле, - деп онтоп жиберди, ошондо оозунан кан атып кетти, коркуп кетип врач чакырдым, укол сайып дүрбөп калышты, эки күн мурун анын ата-энесине кат жөнөткөмүн, дал ошол учурда келип калышты. Мен алар келгенде чыгып кеттим, эртеси келсем дурустай көрүндү.

- Абалың кандай, дурус болуп калдыңбы?

- Дурус, сен да кыйналдың окшойт ээ? - деп жылмайган болду, мен анын алсыз жүзүндөгү терди аарчып жакын отурдум.

- Эмнеге кыйналам, сен сакайып кетсең менин бактым ошол.

- Саадат, - деди анан мага карап.

- Оов, эмне болду?

- Сен врачка көрүнүп көрсөң боло, биз үч айдай чогуу жашадык, бир тукум калса жакшы болот эле, өлөөрүмдө угуп кетсем кандай жакшы, - деди үнү араң чыгып.

- Билбейм, көрүнүп көрөйүн, жамандыкты ойлобочу, сени мен сакайып кетет деп үмүт менен жашап келем го Өскөн.

- Алтыным, мени кечир, үмүтүңдү актай албадым, - Ошол убакта ата-энеси кирди, мен чыгып кетейин десем колумду кое бербеди. - Апа, - деди кыйналып жатып, - Апа, келиниң болуп ушул кыз бармак эле, аттиң тилегиме жетпедим. - Ыйламак болуп ыйлай албады, - Эшигиңди аттатып, өз колуң менен жоолук салдырбадым… Ак батаңарды алып бактылуу жашоо өткөрбөдүм.

- Балам, үмүтүңдү үзбөчү кагылайын, - Апасы ыйлап жүзүнөн өөп көз жашын тыялбай жатты, - Али жашсың каралдым…

- Уулум бошобой кайраттуу бол, мен врачтарга сүйлөштүм, - деди атасы каңырыгы түтөй, - Жакшы болуп кетесиң, - деген менен ал дагы тегеренип кетти, менин колумду кое бербей кармап турат.

- Эгерде келиниңер кийин ушул небереңер болот десе кабыл алгыла, - деп менин колумду кое берди да жүзүн буруп кетти, мен ыйлап чыгып кеттим. Ошол бойдон сыртка чыгып врачка көрүнсөм эки айлык боюмда бар экен деди. Эртеси Өскөндү кубантайын деп келсем палатасы бош турат, сестаралардан сурасам түндө анын сөөгүн алып кеткенин айтышты, боздогон бойдон кала бердим… Саадат ыйлап отуруп айтып берди.

- Анан ата-энесине барган жоксузбу?

- Жок, барбадым уулум, алардын кай жерден экенин, аты жөнүн да билбейт элем, ошол бойдон ата-энеме кетип үч ай жүрдүм, ичим билинээр билинбес болгондо кайра иштемек болуп баса бердим, кайра келип Өскөн экөөбүз жашаган батирде жашап жүрүп төрөдүм, кыштын күнү болчу, жаш бала менен жашоо өтө кыйын болду, аргасыз төрөтканага таштап качып кеттим уулум.

- Алар дагы сизди издеген жокпу?

- Кантип издейт, аты жөнүмдү билбесе.

- Демек менин атамдын туугандарын да табуу кыйын экен да.

- Ооба, фамилиясы Төрөгелдиев Өскөнбек болчу, эсимде ошол гана калды уулум, менин сенден башка эч кимим жок, ата-энем дагы өткөн, эки эжем, эки агам, бир сиңдим бар, эң жакыным сенсиң каралдым, - Саадат баланы өөп койду. Айбек унчукпай калды.

- Мага сиздин фамилияңызды бергенби?

- Ким болуп катталып жүрөсүң?

- Турсубаев Айбек.

- Төрөтканадагы сенин белгиң боюнча жазган тура.

- Мен Өскөнбеков деп жазылсам болобу?

- Болот, бирок убарасы көп.

- Мейли, мени атама жаздырыңыз, - деп Айбек отуруп алып ойлуу телмирди.

- Уулум, сен м өзүм жакшы мектепке берем.

- Макул, өзүм деле жакшы окуйм апа.

- Садагам десе, берекем менин, мен эми бактылуумун, - Кучагына кысып өөп, - Эми жатып эс алалы ээ? - деди мээримдүү жылмая.

- Атам жөнүндө дагы айтып бериңизчи, сиз сүйчү белеңиз?

- Сүйбөй анан, бизди өлүм гана ажыратты уулум.

- Мен сиздин эле жаныңызга жатайынчы?

- Албетте, өзүм кучактап жатам уулум.

- Апа-а.

- Айта гой уулум.

- Күйөөңүз барбы?

- Ыя? - Саадат капысынан берилген суроого такала түштү, - Жо-ок уулум, сени таштагандан кийин өзүмдү эптеп тыңытып алып Москвага кетип калгамын, иштеп ушул үйдү алдым, машина алдым, мен аякта жүргөндө атам өлдү, кийин апам өлдү, ошол бойдон барганым жок…

Венера Мирбек менен жолугушуп жүрүп сүйлөшүп үйлөнмөк болуп калды, бирок Каныбек аларга жолтоо болуп туруп алды, ал түз эле үйүнө келет, Сатар менен сүйлөшүп Венераны кызганат, бир күнү кечке маал келиптир, Сатар жок болчу, жуунуп болуп жаңы эле кийинип Мирбек менен жолугушууга барганы жаткан:

- Венера кандай?

- Жакшы аке.

- Эми аке дегенди токтотчу, ата-энелерибиз өздөрү үйлөнтмөк болуп жатат го, атымдан айта бер, - деди ырсактай күлүп, - Же башка сөз байлашканың барбы?

- Жо-ок.

- Анда экөөбүзгө каршы болоор эч ким жок экен да? - Келинди сынай карап жооп күтүп калды, - Ыраспы Венера?

- Аке, баары бир арбакты кече албайбыз да.

- Эми ал башка сөз да, инимдин өмүрү кыска экен, ал болгондо сен экөөбүз ушинтип отурат белек?

- Аке, баары бир бала бар эмеспи?

- Балдар менин да каным, алар менин бир туугандарым.

- Сиз жаңылып жатасыз, өз жолуңуз менен болгонуңуз жакшы болоор эле, мен баары бир сизге чыкпайм, - деп Венера ачуулана карады, - Сизге да, башкага да чыкпайм, эки балам аман болсо болду уктуңузбу?

- Венера, мен сени башкага бербейм, так өтсөм да сени кайтарып жүрүп өтөм, менден антип өзүңдү ала качпа!

- Сиз мага кайнага элеңиз, эми мага теңтуш боло баштаганыңыз туура эмес, иниңиздин арбагынан коркпойсузбу?

- Ал өлдү, мен тирүүмүн, тирүү адам жашоого аракет кылышы абзел, - деп Каныбек келинди кармамак болду.

- Тарт колуңду, уятты билбеген акмак! - деп Венера кыйкырып ийди, ошол кезде Сатар эшиктен короого кирди:

- Оо кел Каныбек, келипсиң балам.

- Келип калдым, өзү сиз менен эрмектешип көнүп калыптырмын.

- Эрмектешпей анан, мен дагы зериккенимден коңшум менен сүйлөшүп отурдум, дегеле сөзү түгөнбөгөн неме, башыңда көп ой бар киши көп сөздү да жактырбайт экен, баса бердим, - деп Сатар отуруп калды.

- Зериккениңизди жазалбай келдиңизби анан?

- Ээ эми биздин жашоо ушул да…

- Венера бир жакка бармак беле? - Каныбек сурап койду.

- Билбейм, өзү билет го, - деп Сатар Каныбекти үйгө карай жаңсады, - Кир үйгө, кызым бирдемең болсо берчи, кардым ачты.

- Азыр ата, тамак бышаарына аз калды.

- Чай ичип отуралы.

- Макул азыр, - Венера Каныбекти жаман көрүп турса да үндөбөй дасторкон салып чай алып келди. Каныбек болсо кетейин деген ою жок козголбоду, ан сайын жини келип турса да атасынан тартынып унчукпады. Венераны ушул кезде Мирбек күтүп жаткан эле, ошол кезде Айсалкын келип калды, аны көргөн Каныбек Венераны ичинен кызганып кетти. Экөө шыбырышкан сайын жинденип отурду. Аңгыча тамак бышып Жамалбек менен Шамалбекти чакырып келип алдыга тамак келди, тамактанып бүткөндөн кийин Сатар жатмак болуп төркү бөлмөгө кирип баратып:

- Каныбек, мен жатып эс алайын, кетсең жакшы бар, - деди да кирип кетти.

- Жакшы калыңыз, - деген Каныбек эки келинди шынаарлай туруп алганда Венера жини келип:

- Үйүңүзгө барыңыз эми, биз дагы эс алабыз, - деди.

- Силер менен эрмектешким келип турат.

- Эрмектешкенге убактыбыз жок!

- Жаштык деген жаштарды көргөндө тынч тура албай калат экен да, - деп жылжыңдай күлдү.

- Биз жаш эмеспиз, эрмектешчү келин-кызды башка жактан издеңиз.

- Сүйүү деген сүттөй тунук, Сүйгөнүңө жүрөк толкуйт карап туруп, Эки жаш бирге турса айлуу түндө, Суктанат асмандагы ай да тунук, - дегендей менин жүрөгүмдү бирөө бийлеп алды.

- Тамашалаганды коюңуз, сүйүүңүздү арнай турган биз эмес, - деп Венера сыртка чыкканда Айсалкын.

- Сүйбөгөнгө сүйкөнбө дегенди билээрсиз, көңүлү жок адамдан жакшылык күтпөңүз, - деп Венеранын артынан чыгып кетти. Каныбек бир азга турду да унчукпай чыга жөнөдү, бирок ал короодон чыгып эле ары басып жол боюндагы дарактын түбүнө жашынып калды. Оюнда Венеранын ким менен жолукканын көрмөк болгон, бирок Венера куулугуна салып аяктан чыкпай коңшусунукуна өткөн жол менен чыкты да Айсалкын экөө аларды күтүп жаткан эки жигитке келишти.

- Силерди күтө берип тажап кеттик го, деги Венерага жолугуш өтө кыйын болду, - деп Мирбек аларды утурлай басып келип Венераны өөп учурашты, - Кандай жаным?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Ойдогудай, сени күтө берип таң атат да кеч кирет.

- Ошондой, менин апам болгондо бул көйгөй болбойт эле, үйдүн түйшүгү мага оор болуп жатса дагы бир азап жармашты, - Алар сүйлөшүп жатканда машина ордунан жылды, алдыда Жоомарт менен Айсалкын артында Мирбек менен Венера.

- Ал кандай балээ экен?

- Ой бир кайнагам, келет да керээлди кечке мени кайтарат.

- Эмнеге кайтарат?

- Жесирин коргойт да.

- Кызык экен, түшүнбөдүм.

- Иниси өлсө агасы алат экен жесирди.

- Ош-шондой де, мааниси терең тура, - Мирбек каткырып алды.

- Эмнеге күлөсүң? - Венера кызыктай болуп кетти.

- Таарынбачы эми, күлбөй турган жорукпу, келинин кайнагасы алам десе.

Мирбек, - деди алардын сөзүн угуп келе жаткан Жоомарт, - Кыргыздар илгертен жесирин бербейт, жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, Венера аларга жакшы келин болгон да демек.

- Ошондойбу, мен билбейт экенмин.

- Билгениңден биле элегиң көп дос, - деп Жоомарт каткыра бир жерге токтоду, - Эмесе отуруп бир чардайлы ээ?

- Давай, - деп коштоду Мирбек.

- Кыздар силерге кандайы жагат? - Жоомарт Айсалкын менен Венераны карады, - Бизде баары бар, машинанын жарыгын күйгүзүп коебуз да отурушту баштайбыз.

- Силерге жаккан бизге деле жага берет, - деп койду Айсалкын.

- Эмесе Мирбек, тамак-ашты кыздарга бер, даярдай берсин.

- Жарайт, - Мирбек багаждагы пакеттерди алып түшүп Венерага берди да, - Мына кыздар, каалагандай жасагыла, - деди.

- Биз укмуш даярдайбыз, керек болсо силерге үйрөтүп коебуз, кийин бизге жардамдашасыңар да, - Айсалкын күлүп койду, - Туурабы ыя?

- Туура, - Мирбек аны коштоду, - Ошентип эле кашыбызда болсоңор кана?

- Эмне, табелиңерди өзгөрткүңөр келип жатабы? - деп Айсалкын Жоомартты карады, - Эсиңерде болсун, ойноп күлгөнгө бирди, үйдөн күткөнгө бирди тандап жүргөн болсоңор силерди соо койбойбуз.

- Айсалкын, Венеранын кандидаттары бар тура, жүгүрүп-жүгүрүп мен калдым дегендей кала беремби дейм да, - Венерага көз кысты, - Тандап туруп көңүлүнө туура келгенине кетип калсачы?

- Менин курбум андайлардан эмес, эч кандай кетпейт.

- Айсалкын, беш мүнөткө Венера экөөбүз сүйлөшүп алсак кандай болот?

- Жарайт, ээн-эркин сүйлөшүп алгыла, анан тез келгиле биздин курсак курулдап чыдай албай кетпейли.

- Тез эле келебиз, - Мирбек Венераны колтуктап ары басты, - Венера, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмнени?

- Бир аз күтө тур деп, - апам Бишкекте ооруканада жатат, келсе эле сени алып кетет элем.

- Мирбек, мен күтөм, өмүр бою күт десең де күтөм, бирок менин тынчымды кайын журтум алып жатат, Каныбекке алып беребиз деп.

- Сен кетээнчиктетип тур.

- Кагып-силкип эле жатам, такыр болбогон неме экен, керээлден кечке кетпейт, жаман айтканымды тоготуп да койбойт, атамдын анда көңүлү бардай, унчукпай тим койчу болду.

- Чыда жаным, апам жокто алып кетсем болбойт, - Мирбек келинди бекем кучактап өөп жатты, - Мен сенсиз жашай албайм, сени сүйөм Венера.

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм Мирбек.

- Сүйүү-сүйүү сүйгөндүгүм сүттөн ак.

Жүргүм келет бир өзүңдү урматтап.

Түбөлүккө сени менен бир болсом.

Ортобузда сүйүү оту бир жанат, - деп сен жөнүндө ойлонуп отуруп ыр дагы жаратып ийдим, - Экөө тикесинен туруп бири-бирин кыса кучактап өбүшүп турганда көктөгү жай сызган ай дагы аларга тоскоолдук кылбайын дегендей булутка жашынды.

- Жүрү эми, тигилер күтүп калды, - деди көптөн кийин Венера Мирбекти өзүнөн акырын түртө.

- Чын эле, күтүп калышты го? - деп экөө жетелеше тигилерди көздөй бактылуу жылмайып жете келишти, айлана караңгы болгондуктан алардын жүзүндөгү бакыттан толкуган күлкүлүү жүздөрүн алар байкашпады.

- Келдиңерби, чыдамыбыз кетип жатты эле, - Жоомарт каткырды, - Махабаттын көлүнө чөгүп кеттиби деп ойлонуп жаттык эле.

- Жо-ок, махабатты да сыйлаш керек, - Мирбек чакан дасторкончонун четине отурду, - Биз маданияттуу сүйүшкөндөрдөнбүз.

- Азамат, сүйүүнү сыйлай билиш керек.

- Кана достор, эмесе бүгүнкү жылдыздуу түндө, каалгыган ай астындагы жолугушуубуз үчүн ичели, - деди Жоомарт.

- Албетте, бул түн үчүн ичпесек айып болбойбу? - Эки жигит кагыштырып анан өз-өз кыздарына карады, - Түндү күндүзгүдөй кылган сулууларыбыз үчүн!

- Сүйүү үчүн!

- Баары биригип денсоолук үчүн! - Төртөө тең алып ийишти.

- Кана кыздар алгыла, силерге жагалы деп үндүктү бүкүлү бышырып келгенбиз, бул дагы дүйнөдөгү аялдар үчүн сый, себеби аял болбосо эне кайдан болсун, эне болбосо бала кайдан жаралсын.

- Жоке, эне улук, улуу зат дечи, бирок аялдар үчүн эң башкысы эркектер, алардын сүйүүсү эмеспи, ал экөө болбосо эне кайдан эне боло алат?

- Туура досум, экөө тең бири-бирине керек, бири-бирин толуктап турат, бирок аялдардын орду такыр башка.

- Кандай болсо дагы силерге рахмат, - Айсалкын эки жигитке кайрылды, - Силер биз үчүн, биз силер үчүн жаралган жандарбыз, кудайым ургаачы эркек кылып эки жыныстуу кылып жараткан тура, ошондуктан аман-эсен ойноп күлүп, алдыдагы тилектерибиз ишке ашсын.

- Мен Айсалкынды ушунусу үчүн жактыргамын да, карачы кандай гана алтындай сөздөрдү сүйлөдү, сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу менин айымым үчүн алып койбойлубу? - Жоомарт стаканды көтөрүп Айсалкынды бир колу менен өзүнө тартып өөп койду, - Менин сулуум үчүн!

- Албетте албаганда, - Мирбек аны коштоду, үчөө алып ийди.

- Венера, алып кой эми.

- Мага көп болуп кетет, атамдын көзүнчө үйгө мас болуп барганым болбойт, мени аяп койгула эми, алып эле жатам го?

- Ма-акул, Венераны кыйнабагыла, анын азыр шарты оор, төркүнүндө сый жүргөн жакшы, апасы болсо да бир жөн эле.

- Мейли-мейли, - деп экөө тең баш ийкешти, бир топко чейин отурушту да өз-өзүнчө бөлүнүп сүйлөшүп отурушту, Венера Мирбекке:

- Мирбек, мен корком, апамдын кырк ашын эле күтүп жатышкан, кокус алып качып кетеби деп ойлойм, анткени менин макул болбосумду билип калды.

- Венера коркпочу, аз убакыт өтсө апам келип калат, анан дароо эле алып кетем.

- Алып кетип калсачы?

- Алып кетпейт.

- Корком, үйдөн чыкпай калды.

- Жүрө берсин, шек билгизбе.

- Ой ал бизди аңдып турганда башка жак менен чыктык.

- Ошончо кириштиби?

- Айтпа, алып алган аялындай.

- Сени сүйгөнгө кубана бер, - Өзүнө тартып кучагына кысты.

- Кантип, кыжырымды келтирип жатпайбы?

- Карачы кандай келинди сүйгөмүн, орустар күйөөгө кыз бойдон барса сени эч ким караган эмес деп сүйүп турса дагы жаман көрөт экен.

- Кызык экен.

- Ошондой секет, биз кыргыздар бузулган дейбиз.

- Ар бир элдин өз салты ыйык да.

- Туура.

- Эмне кылам Мирбек, менин жаным жай албай калды.

- Кам санаба, мен сени эч кимге бербейм.

- Биз кошулбай калабызбы деп корком.

- Коркпо дедим го, сени мен эч кимге бербейм, - Кучактап алып чөп үстүндө оонай кетишти.

- Мирбек.

- Оов.

- Чын эле мени сүйөсүңбү?

- Жүрөгүм менен сүйөм.

- Анда мени алып кет.

- Венера, мен айттым го, апам…

- Жо-ок, алып кет, мени баары бир жөн койбойт.

- Кайда алып барам, атама айтсам апаң келсин деп жатат.

- Анда мындан ары келбе.

- Эмнеге?

- Сен мени сүйбөйсүң, калкалап кала албайсың!

- Сен түшүнчү, сенсиз жашай албайм, жаным менен сүйөм сени.

- Калп, сүйсөң мени куткармаксың, жөн гана мени алдап жүрүпсүң.

- Андай эмес, азыр сени кайда алып барам? - Айласы куруй тигилди.

- Мен кыз белем, атаңа түшүндүр, апаң келгенче үйдө жүрө берем, андан кийин ырым-жырымын жасай берсе болот да, - деди Венера ыйламсырай.

- Анда мен атама кеңешип көрөйүн, эртең кечинде жообун айтам, - деген Мирбек ичинен: "Ошо кантип болсун, башка келин түгөнүп калса дагы, мени жөн эле шаштырып жатат, кыз беле талашка түшкөндөй, буйруса көрөөрмүн, болбосо буйруганы тургандыр", - деген ойго кетти.

- Айтып түшүндүр, мен сенден ажырап калуудан корком.

- Коркпо, биз ажырабайбыз.

- Ылайым эле бирге болсок кана? - Венера Мирбектин төшүнө башын койду.

- Биз ар дайым бирге болобуз.

- Ооба, мен сага жакшы аял болуп берем ээ?

- Албетте, өзүң деле жакшы кызсың.

- Чынбы?

- Чын айтам.

- Мирбек! - деген Жоомарттын үнүн угулду арытан, - Кеттик, болгула эрте.

- Буларга эмне болгон, убакыт эрте эле го? - Мирбек таңгала күңгүрөнүп Венераны уйпалап кумардан чыга өпкүлөп өйдө турду, - Азы-ыр, мына баратабыз!

- Жүрү, таң атайын деп калган тура, саат дагы көрүнбөйт, - Венера туруп кийимдерин кагынды да Мирбекти колдон алды, - Мени кор кылба ээ башкага, сөзсүз жообун бер, эртең кечинде күтөм.

- Жарайт менин айым, айтканыңдай болот, - Аңгыча тигилерге жете келишти, - Ой, силерге эмне болду?

- Таң атып кетти, таңкы төрт жарым, кетиш керек, же силердин кете турган оюңар жокпу? - Жоомарт аларды күлө карады, - Таң атпай тура турсачы деп өкүнүп турасыңарбы, азыр болбойт, шашылыш керек, кыздар ордуна барып калсын, үйлөнүп алып анан жата бергиле!

- Андай эмес, биз деген сүйлөшүп бүтпөй калбадыкпы.

- Жаш кезде сөз бүтөбү, күн батса кеч киреби? - Айсалкын да күлдү.

- Кой анда кеттик.

- Кел мындан бирден алалы, жанагы ичкендер кайда кеткенин билбей дагы калдык го? - деп дасторконун жайып калган эттен шам-шум этип винодон ичишти, тамашалашып бакылдап унаага отурда да жөнөп кетишти, адегенде Венераны үйүнө жеткирип анан андан ары кетишти. Венера акырын өз ордуна жатып калды. Инилери өзүнчө бөлмөдө, кызы атасынын жанына жатчу. Эртеси ойгонуп алып: "Бүгүн Мирбек келсе алып кетет, даяр болушум керек, буларды карап жүрө берсем өмүр бою түн катып жолугушуп жашамак белем, ар кимибиздин тагдырыбыз ар башка эмеспи", - деген тобокел чечимге келип эрте турду да даярданууга киришти, кийимдерин жууп тазалап, башы-көзүн жууп, анан таңкы чайды даярдаганча баары туруп калышты. Венера чай ичип отуруп Жамалбекке кайрыла карады:

- Жаки, эми сен чоңойдуң, үйлөнүшүң керек го, атама да кыйын болду, жактырган кызың барбы?

- Эмнеге, апамдын жылдыгын күтпөй элеби?

- Туура айтат балам, эгерде Венера кетсе куруп калабыз, мунун да багын байлабай берели, Каныбек жакшы жигит, балдары да жетимсиребей өз элинде, чоң энесинде өсөт, Венера өзү да жанында болот, - деди Сатар ойлуу, - Өлгөндүн артынан өлмөк жок, тирүүнүн жашоосу улана берет.

- Ата, Венера эжем кеткени жатабы? - деп Шамалбек сурап калды.

- Ооба балам, бүгүн-эртең келип алып кетебиз деп жатат, келишсе кой демек белек, өзү да ойлонуп жаткандыр.

- Ата, мен Каныбекке тийбейм!

- Ыя, эмнеге кызым? - Сатар ормое карады.

- Иши кылса аларга болбой койду деп айтыңыз.

- Мен кайдан билем, көңүлү бардыр деп ойлодум эле, - деп башын жерге сала, - Өзүң бил кызым…

- Мен анда чын эле үйлөнүшүм керек го, атам кыйналып калат, - Жамалбек ойлонуп калды, ал оюнда Сажира менен үйлөнүп жатканын көз алдына келтирип алды.

- Сүйлөшкөн кызың барбы? - деди Венера.

- Көрөм да.

- Бар болсо жакшылап сүйлөш, өзү билип өзү коет, эрке келин болот, сен болсо атамдын оорун колдон алып үйгө ээлик кыласың, Шаки үйлөнсө дагы көрөбүз ээ? - деди инисине.

- Балам, баш алуудан мурун кеңешишибиз керек, эки кызды, туугандарды чакыралы, анан чечебиз, ага чейин Жаки жакшылап сүйлөшө берсин, - деди Сатар, ошол убакта сырттан кобур-собур үнгө улай адамдар кирип келе жатканын туйган Венера тура калып босогого жеткенче кайненеси, улуу абысыны болуп Каныбектин атасы Сабырбек, кирип келишти, көтөрүнчөктөрүн артынан эки жигит алып кирди.

- Ассалоому Алейкум куда, кандай жакшы турасыңарбы? - Сабырбек Сатар менен кол алыша учурашты.

- Ал-леким Салам, жакшы-жакшы келгиле куда-кудагый, - Сатар таңгала ар бирин карады, - Келип калыпсыздар?

- Келдик куда, бол турган ишти созгондо эмне, күркүрөп күз дагы келип калды, күз тойдун маалы, Венеранын колун сурап алдыңа келдик куда.

- Ооба, кудагый болгондо кана, тагдыр экен, минтип арасат калдыңыз, балдардын баарына сиз гана жооп бересиз, - деди Венеранын кайненеси Сергил сөзгө кошулду, - Салтта бар, Каныбек деле менин баламдай, куда Венераны кайра өзүбүзгө бер!

- Ыя? - Сатар сөзгө жок, эмне дээрин билбей эми эле Венеранын айтканын эстеп такала туруп калды.

- Куда, коюндан түшсө кончко деген сөз бар, жакшы бүлөөбүз жатка кетпесин деп илгерки ата-бабанын салтын аркалап алдыңызга келдик, - деди ошондо Садырбектин аялы Гүлсана. - Биз билбеген башка бирөөнү алсак, казы-картасын артадыр, бир чалымын тартадыр, дегендей мурунку аялынча азабыбызды берип басып кетеби деп, - ишенбей жатабыз, Венера канткен менен өз бала болуп калган, кол куушуруп алдыңызга ат жетелеп, мал айдап келдик.

- Куда бизди туура түшүнгүлө, кадыр-баркты мал же байлык менен ченебейт дечи, бирок бул балдардын келечеги, эртеңки бактысы, сиздин багып өстүргөн эмгегиңиз үчүн жөн гана сыйыбыз деп кабыл алыңыз, - деп Садырбек сөздү бүтүрүп жооп күтүп калышты.

- Келгениңерге ыраазылык, бирок муну өзү, эже-сиңдиси менен туугандардын кеңешин угуп анан жооп берели, - деди Сатар. Венера туталанып эшикке чыгып кайра кирди, уялганынан дасторкон үстүн толтуруп, жаңылап чай коюп сунуп жатты, Сатар эки уулун кыздарына жөнөтүп жолдон ага-инисин айта кел деп жиберди. Алар келгиче чай ичип аркы-беркини сүйлөшүп отурушту, эки жеңеси келип камыр жууруп боорсок жасаганга киришти. Заматта Сатардын эшигинин алды элге толуп кой союлуп конок тосууга даярданып жатканда Чынара менен Замира күйөөлөрү менен келип калышты, адегенде Венерага жолугуп өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты.

- Эмне болуп кетти, бул эмне деген оюн? - деп Чынара сиңдисин чекесин тырыштыра карады.

- Көрүп турбайсыңарбы?

- Эмне, эмнени көрүп турабыз, эркек калбай калгансып кайра өлгөн эриңдин агасына тийип.

- Чынара эже, мен эмес өздөрү келип алышты.

- Кызык экен, атам эмне дейт?

- Атам силер менен кеңешели, анан өзү билсин дейт.

- Мен азыр кирип туруп жолго салам! - деп Чынара үйдү көздөй басканда короодон Сатардын аталаш тууганы Керимбек аялы менен иниси Султан аялы менен кирип келе жатканын көрүп токтоп учурашып анан Сатарды сыртка чакырышты, үйдүн бир жагына чогулуп кеңешип жатышты. Акыры келип Венеранын өзүнө такалышты:

- Жашоо тагдыр сеники кызым, баарын өзүң чеч, балдарың турат, алардын дагы келечегин ойлон, түшкөн жериң жаман эмес эле, арга жок айрылдың эле, кайрадан бакыт сени коштоп туш кылганы турат, - деди Керимбек.

- Ооба кызым, Батийна деле уишнтип сенин бактыңды ойломок, башкага барсаң балдарыңды өгөйлөйт, бөлөк эл бөлөк жерде өсөт, калганы өзүңдүн гана чечимиң, - деди Уларкан.

- Кызым, - Сатар Венерага карады, - Биз сага жамандык каалабайбыз…

- Ата, мунуңар болбойт, кечээ эле келген жерине күйөө табылбагансып кайра бергениңер болбойт, аны менен жашап кете алабы жокпу? - Чынара чыйпылдап ийди.

- Ата, болбойт деп эле койгулачы, - деп сөзгө аралашты Замира.

- Силердин өз жашооңор бар, эки баласы менен Венера өзү чечсин, - деди Султан, - Каныбек деле жаман жигит эмес, жогорку билимдүү, шаардагы архитектурада иштейт, кыскасы ойлонуп көргүлө.

- Менин көңүлүм жок, кетирип ийгиле, - деп Венера ары басып кетти, эч кимиси үндөбөй үйгө киришти да эт тартылып, шорпо келди, бир кезде Сабырбек тамагын жасай.

- Куда, ачык айтып ак сүйлөгүлө, биз силердин жообуңарга жараша иш кылалы, - деди.

- Куда, эки бала турганда дагы эле кудабыз, - деди кеп баштап Керимбек, Венера эми жаш эмес, жакында апасынан айрылып өзү да кыйналып жүрөт, өздөрү билсин, кыйнай бергенде эмне?

- Венера биздин келин, дагы да келинибиз болот, биз оң жооп укмайынча эч жакка кетпейбиз, - деди Уларкан.

- Дос айрылат, сөөк кайрылат дегендай түбөлүгүбүз бир, эки бала турбайбы, Жакшылык менен Сиюта чоңойсо дагы далай кездешебиз, - деп бири таарыныч кылса, бири жубатып отуруп Каныбек менен Венераны жакшылап сүйлөшсүн деген чечимге келип токтоп бата кылып үйдөн чыгышты. Кеч киргенде Венера эси-дарты Мирбекте болуп жолду карай берди, бирок андан дайын жок: "Эмнеге келбей калды экен, атасы жооп бербей койгонбу, анда эмне кылам, Каныбек эми жан койбой келе берип башты оорутат, отпускасы бүткөндө кетем дейт, шаарга жашайбыз дейт, же балдарыма карап кете берсемби, жо-ок Мирбекти күтөм, ал келбесе Жоомарттан чакыртам", - деп ойлонуп жатты. Кычагансып Айсалкын да келбеди, түнү бою эже-сиңдисине билгизбей короонун оозуна чейин кайра-кайра келип дайыны чыкпады, аргасыз жатып калды. Эртеси уйкудан Чынара ойготту:

- Венера турчу, биз кетебиз, чай-пай бербейсиңби бизге.

- Ушунча эрте туруп алдыңарбы? - Уйкусурап зорго туруп, тамак ысытып, чай берип аларды жөнөттү. Түш ченде Айсалкын келди:

- Кандай Венера?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Эң сонун курбум, эртең мени Жоомарт алып кетем деп жатат.

- Куттуктайм.

- Рахмат.

- Эки күндөн кийин той болот дечи?

- Ооба, буйруса болот, билесиңби Венера, мен ушул күндү кандай гана күтпөдүм, Жоомарт менин колумду сурайт деп ойлонуп күтүп жүрдүм, - Айсалкын кубанычтуу курбусун кучактап өөп алды.

- Бактылуу бол курбум, үйгө кирип жай сүйлөшөлү, менин дагы сага айтаар жаңылыгым бар, - деди Венера сумсая.

- Кандай жаңылык?

- Каныбектин ата-энеси келиптир.

- Койчу?

- Койбой эле, кечээ аларды коноктодук.

- Анан сен макул болдуңбу?

- Жо-ок, Мирбекти күтсөм келбеди.

- Ал шаарга апасына кетиптир.

- Ошондой, ал уруксат сураганы кеткен го?

- Ооба, биздин тойго келип калам дептир, бат эле келем деген го Жоомартка, - деп Айсалкын ичкери кирип отурду, - Демек эмне кылайын дейсиң?

- Билбей калдым, ал кокус ала качып кетсечи, анда эмне болот?

- Коркпо, Мирбек келсе ал сени мындай абалга таштабайт.

- Келип калса экен, Каныбек келип башты оорутабы деп коркуп жатам. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан Айсалкын кетти, ал күнү Каныбек келбеди. Венера ичинен сүйүнүп алды: "Келбей эле койсо экен, дегеле көрөйүн деген көзүм жок", - деп ойлонуп тиричилиги менен алек болуп жатты:

- Апа, менин атам каякта? - деп Сиюта жүгүрүп келип апасына жабышты.

- Эмне болду?

- Сенин атаң жок деп жатпайбы Сезим.

- Калп айтат, сенин атаң алы-ыс жакта, - Кызын өөп сооротуп үйгө алып кирди, - Сен жакшы кызсың, ыйлабай жүр ээ?

- Сенин атаң жо-ок, өлүп калган дебедиби.

- А сен ага ишенбе, мен сага айттым го, атаң келет.

- Ма-акул, качан келет атам?

- Колу бошогондо келет, иштери көп да атаңдын.

- Аа-а, анда атам мага чо-оң аю алып келеби?

- Ананчы, Жакшылык экөөңөргө тең оюнчуктарды алып келе-ет, кызым эстүү, акылдуу кыз, - Венера кызын сооротуп отуруп ойлоно берди: "Экөө тең атасын билбей калды, Мирбек ушуларга атасындай боло алабы, же эптеп үйлөнүп алгандан кийин өгөйлүк кылабы", - деп күйөөсүнүн эрте өлүп калганына зээни кейип ыйлап да алды: "Балдарым үчүн кандай болсо дагы көнүшүм керек, эми мага сүйүүнүн кереги эмне, ушул экөөнү томсортпой чоңойтуп алсам менин жеңишим да, бактым да ушу экөө эмеспи", - деген ойго токтолду. Ортодон үч-төрт күн өтүп кетти, Мирбектен да, Каныбектен да дайын болбоду, күндө келип текшерип, ары-бери басып тынчын алган Каныбектин карааны да көрүнбөдү. Бир күнү аны тааныш, бирок мамилеси жок бир келин короонун сыртына келип чакырып калды, кеч күүгүм болчу, эч нерседен капары жок эле аны менен сүйлөшүп турган, ал кетейин дегенде бирге баскан Венераны кайдан-жайдан келгени белгисиз машина токтой калды да үч-төрт бала түшүп келип оозун басып машинага салып жөнөдү, оозун карылуу колу бекем басып алган экен аз жерден тумчугуп кала жаздады. Үйгө жеткенде гана кое берип солдойто көтөрүп кирди эле сүйлөп бакырганга акыбалы жок көгөрүп кеткенин көргөндө чоочуп кетишти. Ошентип Каныбек аны ала качып алды, аргасыз алды-артын карап ойлонуп кала берди, тагдырына моюн сунду, балдарынын эртеңкисин ойлоду. Сатар бечара кубанып калды, ал үчүн баласынын орун-очоктуу болуп өзү менен өзү болуп тынып калганы жакшы эмеспи…

Бакберген тогузунчу классты бүтөөрү менен шаардан үй алып берип, Арстанбектин улуу баласы экөөнү окууга киргизип койду, сабак окуп жүрүп Бакберген Сүйүндү эстеп балдар үйүнө барды, керилип бой тартып калган, келбети келишип бакырайган сулуу жигит болгон. Көргөн жерин сураштырып таап барды да Сүйүндү сураштырды, бирок ал тогузду бүткөн соң окууга кетиптир, кайсы окуу жайга кеткенин сураганда ага баарын бир кыз айтып берди, эртеси аны бат эле тапты. Сүйүн Бакбергенди көрүп эле тааныды.

- Кандайсың Бакберген, мени унутпаганыңа рахмат.

- Кантип унутам, сендей сулуу кызды, - Жылмайып койду Бакберген.

- Сулуу жигит болупсуң.

- Сен дагы сулуу кыз болупсуң Сүйүн.

- Окуп жатасыңбы?

- Ооба, сенин окууларың кандай Сүйүн?

- Эң жакшы, азырынча окуп турсам кийин чоң окууга тапшырам.

- Сүйүн, апаң келдиби? - деди Бакберген акырын, таарынып калбасын деген ойдо.

- Ооба, апам күйөөсүнөн кетип калыптыр, анткени ичип алып урушуп эч тынчтык бербей коюптур.

- Эң сонун, демек апаң мененсиңби?

- Ооба, эки иним бар, сабактан кийин иштегенге туура келет, апам болсо иштей албайт, балдары жаш, мен аларды багышым керек.

- Капаланба Сүйүн, башкысы сенин көңүлүң жайында, сени көрүп мен аябай бактылуу болуп турам.

- Рахмат, сени ойлоп мени унутуп койдубу деп жүрдүм эле.

- Кантип, сени унутмак турсун сага жете албай жүрбөдүмбү, - деп күлүп койду Бакберген. Экөө кечке чейин парк аралап басып жүрүштү, - Сүйүн, кардым ачты, жүрү тамактаналы.

- Макул, - Сүйүн жылмая аны менен катар басып кафеге киришти, тамактанып алып чыккандан кийин экөө эки бөлүнүштү.

- Мен келип турам, мындан ары сен сабактан чыгаарың менен мени күт ээ?

- Бакберген, мен иштешим керек, өзүм айтканда келесиң.

- Кантип жолугабыз анан?

- Бир айда бир жолуксак болот го? - Кыз наздуу чын пейилинен бажырая карады, - Күндө жолукканда бири-бирибизди тажатып жиберебиз го?

- А мен тажабайт элем, сени көргүм келип кандай гана ашыгып келдим, эми бир айда дейсиң.

- Жумуш ар кандай да, мен кээде жумуштан эрте чыгам, кээде кеч болуп калат, иштебесем болбойт Бакберген, - Сүйүн ойлуу жер карады, - Эми мен барайын, көрүшкөнчө, - Колун сунду.

- Көрүшкөнчө, - Бакберген колун кыса кармап, - Телефон берейин, чалып тур, - деди.

- Үйүбүздө телефон жок.

- Анда макул, өзүм келип турам ээ? - Экөө эки жакка бөлүнүштү, бири-бирин кыя албай кылчак-кылчак карап кетип жатып Сүйүн: "Ата-энеси жакшы турат окшойт, мен буга тең эмесмин, батирде жашасак, эптеп күн көргөн кызды ким келин кыла койгусу келсин, бирок Бакбергенди мен сүйүп калдым окшойт, айла канча жолукпай коюуга дагы болбойт, тагдырымдан көрөөрмүн", - деп ойлоду жаш болсо дагы турмуштан ар түрдүү азапты көргөн кыз баарына эрте түшүндү, көп ойлонуп акча табуунун жолдорун издеп, апасына жардам берүүнүн камы. Кээде окууну таштап койгусу келип жүргөн кези эле. Бакберген болсо өзүнө канат бүткөндөй эргип баратты: "Сүйүн сулуу кыз болуп калган тура, менин балалык сүйүүм, биз түбөлүк бирге болобуз", - деп жетине албай үйүнө жетти. Арстанбектин баласы Тимур экөөнүн жашы бирдей, окуусу эки бөлөк, бири училищада, Бакберген колледжде, ал киргенде Тимур чай ичип отуруптур:

- Кайда жүрөсүң? - деди ал Бакбергенге үңүрөйө.

- Эмне корктуңбу жарык эле го?

- Эмнеге коркмок элем, сени күтүп акча болдум.

- Иче берсең болмок, менин кардым ток, - деп Бакберген күзгүгө каранып кыңылдап ырдай чачын тарап жатты.

- Сен кафеден тоюп келдиңби?

- Иши кылса токмун да.

- Сен кыздар менен жолуккансың го?

- А как же, - Бакберген таңдайын так эттирип койду, ага Тимурдун ичи тартышып кетти, анткени анын бою кыска көздөрү жымшыйган, мурду өтө коңкойгон, кара тору бала, Бакбергендин узун бою, арыкчырай мүчөсү, музоонукундай көздөрү, капкара коюу кашы, ак жуумал жүзү көргөндү бир каратпай койчу эмес. Мектептеги кыздар дагы аны айланчыктаганын көргөндө: "Энеңди, өзү таштанды болсо, мынча сулуу болуп калганын", - деп ага атаандашып кийим кийчү, баары бир кыздарга жолой алчу эмес, сүйлөгөндө тиштери дагы орсоюп жарашыгы жок эле. Азыр анын көңүлдүү кыңылдап күзгүгө каранып жатканына ичи таарып:

- Ушунча дагы көйрөң болосуңбу, эркек эркектей болгону жакшы го? - деди жактыра бербей, - Кыздан бетер күзгүдөн чыкпайсың.

- Тимур, мен түбөлүк сүйүүмө кездештим, - Бакберген кубанычтуу Тимурга карады, - Билесиңби, ал кыздын кандай сулуу экенин?

- Сулуу кыз болсо жармаша калчу адатың кармаган го?

- Жок, мен сүйүүмдү таптым Тимур, мен билем ал менин түбөлүк сүйүүм, биз беш балалуу болобуз, эки кыз, үч уул, кыздарыбыз Сүйүнгө, балдарыбыз куду менин өзүмдөй болот, биз узакка-а бактылуу болуп өмүр сүрөбүз, - деп Бакберген кыялданып, өзүнчө бир ыргак менен сүйлөп жатканда Тимур аны жини келе карап туруп:

- Сен артистке жакынырааксың, - деди.

- Болсо эмне экен, артист деген элдин көз алдында, оозунда боло, түбөлүккө өлбөйт, өзү өлсө дагы театр-кинолордо жапжаш бойдон жүрө берет, - деп Тимурдун көрө албастыгын сезип ого бетер койкоңдоп, чачты силкип койду.

- Көйрөңсүң, - деди Тимур ары көздөй басып, - Сүйүн дегениң өзүңө окшогон кызбы?

- Кандай-кандай? - Бакберген түшүнбөй.

- Балдар үйүнөнбү дейм?

- Аа-а, - Бакберген каткырып койду, анан Тимурдун маңдайына келип көзүнө тике карады, - Билесиңби, ата-энелүүгө караганда жетимдер үйүндө өскөн балдардын ичинде арамдыгы жок, ак көңүл, пейили таза болот, бири-бирине жарты нанды болсо дагы бөлүп берет, жаман айтып жүрөк оорутпайт, сен ушуну түшүнүп кой, урматтуу менин тууганым, - деди да сөөмөйүн чычайтып коюп басып кетти, Тимур унчукпай калды. Ошол бойдон сүйлөшпөй экөө эки бөлмөдө жатып калды. Бакберген Тимурдун өзүн көрө албасын башынан билет, бирок бир да жолу сүйлөгөн эмес, анткени атасын сыйлайт, аны колунан келишинче барктап өткүсү келет. Таң ата турган Бакберген жуунуп, кийинип алып газга чай коюп ичип алып Тимурду ойготпой кетип калды, аны дайыма ойготуп турчу. Ошол күнү Тимур сабагынан калып калды, түштө келсе дагы эле уктап жатыптыр, Бакберген тамак жасап алып өзү ичти да коюп койду, андан кийин китеп окуп отурганда турган Тимур туруп алып саатты карап чоочуп кетти:

- Бакы, сен дагы барган жоксуңбу?

- Кайда?

- Кайда болмок эле, сабакка да.

- Барып келдим.

- Мени ойготкон жоксуңбу?

- Ар бир адам өзү үчүн жашашы керек, мисалы ата-баланын дагы жашоосу өзүнчө, башка-башка тагдырда болот, - деди Бакберген жылмая.

- Акмак! - деп Тимур ажатканага кирип кетти. Ошондон баштап экөөнүн ортосу биротоло ажырады, бир үйдө жашагына менен бири-бири менен сүйлөшпөй калышты, өз-өзүнчө тамактанышат, бир күнү Тимурда акчасы түгөнүп калды, Бакбергенден сурайын дейт сурагандан намыс кылат. Үмүт келип калды аңгыча, Бакберген жок болчу, ага аябай жамандады, кыздар менен жүрүп сабакты окубайт деп оюна келгенди айтып салды. Үмүт ага ишенип кайра айылга барганда Асылкүлгө айтып койду. Ал Анарбек менен сүйлөшүп анан шаарга телефон чалышты. Бакберген сабактан келип уктап жаткан:

- Алло, угуп жатам ата, - деди чоочуп ойгонуп трубканы ала коюп, Анарбектин ачуулуу үнү угулду.

- Бакы, сабагыңды окуп жатасыңбы?

- Ооба, кам санабаңыз, апамдар кандай жүрөт?

- Баары жакшы, сен бала чоңоюп калдыңбы ыя, эмитен сага кыз жандаганды ким коюптур ыя?

- Ким айтты, сабагымды калтырганым жок, кыздар менен деле сүйлөшкөнүм жок ата.

- Эгерде мугалимдериңден сураганда жаман сөз уксам таарынба.

- Жарайт, балким сизди кубантаар сөз угаарсыз ата, мен андай көрө албастын сөзүнө ишенбесиңизди жакшы билем ата, Нышанбек кандай жүрөт, бейбаш эмеспи, апамдын денсоолугу жакшыбы, өзүңүздүн иштериңиз жайындабы ата? - деп шыпылдап сүйлөгөн Бакбергенге башка сөз айтпады Анарбек, сүйлөгөн сөздөрү өткүр, акылы тунук бул баладан бирдеме чыгаарын сезди: "Тимур калп айткан экен, Бакы андай бала эмес", - деп ойлонуп отуруп калышты. Асылкүл гана жүрөкзаада болуп, сыртынан сыр билгизбей ичтен сызып калды, уулунун бой жетип кадимки Турсунбектей болуп бухгалтер болушун каалайт. Көз алдына Турсунбектин элеси келип, эң акыркы коштошкон күнү тартылат: "Каралдым, сүйүүмдөн калган данегим, бүрдөп өсүп, өмүрүң узун болуп бактылуу өмүр сүрсөң экен", - деп ойлоп кудайдан жанын аман коюшун тиленип алат. Аңгыча жыл өтүп жайкы каникул болуп үйгө жөнөдү Бакберген, анын келээрин угуп тамак ашын белендеп алып күтүп отурса Анарбек тосуп алып келиптир, машинадан түшүп келе жаткан уулун көргөн Асылкүл буту шилтенбей, көздөрүнө жаш кылкылдап: "Оо кудай, Турсунбегимдин эле өзү го, ушундай дагы окшоштук болобу", - деп дендароо болуп турган жеринде катып калганын Анарбек дароо сезди унчукпады, тек билмексен боло басып келип:

- Байбиче, уулуңдун бой жеткенине ишене албай турасың го ээ? - деп жылмая карап айтканда гана өзүнө келип:

- Көргөн көзүмө ишенбей турам, каралдым ушундай жигит болуп калган тура, - деп кулачын кере жүгүрдү, - Уулум, калдайган карааныңдан сенин!

- Апа, денсоолугуңуз кандай, оорубай эле жүрөсүзбү? - Бакберген апасынан дагы узун, солдое кучактап калды.

- Аман-эсен келдиңби балам, оорубай-сыктабай эле жүрөсүңбү?

- Жакшы апа баары жайында.

- Киргиле эми үйгө, үч ай бою сагынычыңарды таратасыңар, - деп Анарбек үйгө баштап кирди: "Демек Бакберген атасына окшош, көргөндө элестетип көп эстейт, эмне кылсам экен, чыдоо гана керек, уулум турат, эси болсо Бакбергенге өз атасындаймын, өлгөн ал эмес мен көрөм сый-урматын, бири-бирин жактыруудан жаралган пенденин күнөөсү жок", - деген ойдо бөлмөгө кирди, эне бала бактылуу болуп сүйлөшүп киришти. Асылкүл ашканага далбастап киргенде Бакберген кийимин чечинип которунду да атасынын жанына келип отурду:

- Кандай анан уулум? - Анарбек кыя карады.

- Баары жакшы ата.

- Кыйналыш жокпу?

- Жок, сабактарымдын баары беш буйруса.

- Азамат, өткөндө ачууланганыма капаланган жоксуңбу?

- Неге ата, эгерде айыбым болсо уруп-сабоого акыңар бар, ата-эненин алдында бала картайса дагы бала, - деп Бакберген жылмайганда Тимурдун кылганы экенин сезип, өзүн күнөөлүүдөй тутунду.

- Тимур экөөңөр эмнеге бирге келбедиңер?

- Ал кечээ баса берген, менин бир аз иштерим чыгып… - Бакберген атасынан бул жолу көзүн ала качып кызарып кетти.

- Аа-а, белгилүү балам, демек келин бала пайда болгон го? - деп күлүп калды Анарбек, Асылкүл тамагын алып келип калды, Нышанбек ойгонуп атасына келди:

- Кел мага Нышанбек, кел келе гой, - деп Бакберген ала коюп көтөрүп өөп эркелетип жатты, беш жашар Нышанбек ага карап:

- Чиш Бакы акемшиш да? - деди анча тактала элек тили менен чулдурап.

- Ананчы, сенин агаңмын да.

- Кактан келдийиш?

- Шаардан.

- Шайда дагы оюнчуктай байбы?

- Ооба, эмдиги келгенимде алып келем ээ?

- Ооба да, - Нышанбек ыраазы боло күлүп калды.

- Кел балам, тамагыңарды ичкиле, - деп Асылкүл Нышанбекти колуна алып Бакбергенди төргө өткөрдү, - Алсаң тамактан.

- Ата, апа силерди көрүп эле кардым тоюп калды, - Бакберген кардын сылап койду, - Эчтеке ичким келбейт.

- Апей ботом, ооз тийип ичсең боло.

- Мейли, үйгө келгенде ошондой болот, уулубуз бой жетти, эми келин болчу кыз издештире башташ керек, - деди Анарбек, Бакбергенди эмне дээр экен деген ойдо, Бакберген эчтеке дебеди, анын көз алдында бир гана Сүйүн турган болчу, - Ырас айтамбы апасы?

- Али үйлөнгөнгө жаш Анаке, адегенде окуусун бүтүп, жогорку окуу жайына тапшырсын, адам болуп нан таба турган болгондо балаң экөөбүз кой дегенге болбой эле үйлөнөм дейт буйруса, азыркы жаштар түз эле айтат, - Асылкүл уулуна көзү тойбой улам-улам карап жылмая сүйлөдү.

- Ата, убакыт келсин, адегенде сиздин таалимиңизди алсам, экинчи мугалимдерден билимимди тереңдете билсем, эмгегиңерди актай албасам дагы арзыбаган алгачкы маянамды сиздер үчүн жумшасам, калганы келечектеги иш.

- Баракелде балам, мен сени менен сыймыктанам, - Анарбек ыраазы боло карады, маңдайы жарык, келбеттүү бой мүчөсү келишкен жигит болуп калганын көрүп: "Адам болчу бала, буга айтып кереги жок, акылы бар", - деп ойлонуп алды.

- Үйдө экөөңөр тамак-аш жасагандан кыйналган жоксуңарбы балам? - Асылкүл уулуна кайрылды.

- Апа, жасагандан эмес, жашагандан кыйналдык.

- Ал эмнең? - Үрпөйө калды.

- Бири-бирибизди түшүнө албай кыйналдык, - Күнөөлүүдөй жер карады, - Мен аракет кылдым бирок…

- Боло берет, экөөңдүн түшүнүгүңөр ар башка да, Тимурга дагы өзүнчө үй алып бермек болуп жатат, Бермет дагы быйыл окууга тапшырат эмеспи.

- Мага капа болбойсузбу ата?

- Эмнеге антип сурайсың?

- Деги да, келише албаганыбыз үчүн.

- Андай ата-баланын ортосунда болбойт уулум, сен өзүң каалагандай жаша, мен сага ишенем, ал эми ишенимден чыгуу өтө жаман.

- Түшүндүм.

- Кана, эми эс ал, жол жүрүп чарчап келдиң.

- Жарайт ата, - Бакберген бала кезинен апасына эмес атасына көп кайрылат, сүйлөсө дагы атасына сүйлөйт, ал ага көнүп калган, бир гана нерсе жүрөгүн өйүп келет Анарбектин, ал өзү менен жашап келе жаткан өмүр шерик, жан шериги өзүн эмес башка бирөөнү эстеп, унута албай келе жатканы, бирок ага өзүн гана күнөөлүү деп сезет…

Экинчи бийлик алмашкан кезде элдин баары кол телефон көтөрүп дүйнө жүзү менен сүйлөшүп калган убакта баягы таштанды наристе бой жетип университеттин бүтүрүүчүсү болуп калган. Зыңкыйган кара каш, кара көз жигит, жанында бой келбети келишип, катар басса студенттерди кызыктырып, суктанткан Сүйүн бар. Ал экөө бири-бирин көрбөсө тура албайт, Бакберген азыр эч нерсе айтпайт, эсине кирип, ак караны тааныгандан бери баягыларын токтоткон. Бирок кээде боло турган нерсени алдын ала билип калат да Сүйүнгө айтып калат, ал унчукпай тим болот, анткени ага айткан баарын. Ошол күнү ал ашыга Сүйүнгө жетти, ал азыр окубайт, апасы ооруп калып ага карап иштеп, инилерин багат, батирине келип чакырып алды да паркка ээрчитип келди.

- Сүйүн, мен абдан корком, биздин элден башына караан түн түшкөнү турат, эмне кылсам экен, мен айткан күндө угабы? - деди капалуу.

- Айткан менен бийлик үчүн жанын берген немелер сага эле жамандык издешет Бакы, кудай сактасын.

- Ооба, мен айткан күндө дагы эл кырылганы турат, - Бакберген ойлуу телмирди, - Жан-дүйнөм тынчыбай жатпайбы? - деп унчукпай калды. Сүйүн ага кеңеш берип экөө көзү ачыкка барышты, бирок ал аял Бакбергендин айтканын уккусу келбей: "Мен дагы билем балам, алдын алып жатам, жакында ажонун кабыл алуусунда болдум, тынчтык менен бүтүшүнө суранып алла тааладан миң бир ирээт курани каримди окуп күнү-түнү зүкүт чалып жатам", - деди эле Бакберген:

- Эже мындай, бул ажо тынч гана кетип калбаса кан төгүлөт, сиз ушуну жеткириңиз, - деди.

- Макул балам, сенин адамдарың меникинен күчтүү экен, аман бол…

- Кош болуңуз, - деди да Бакберген ал аялдын өзүн таңгала карап эндирей отуруп калганда андан оолак болууга шашып чыгып кетти.

- Бакы, сен эмнеге ал аял менен жакшылап сүйлөшкөн жоксуң? - деди Сүйүн жолго чыкканда.

- Сураба Сүйүн, менин жанымда жүргөндө мындайды сурабай жүр, биз башка темада гана сүйлөшүшүбүз керек, - дегенде Сүйүн унчукпай калды. Экөө сүйүү жөнүндө гана, келечектеги жашоосу туурасында сүйлөшүшөт, Бакберген бир күнү минтти, - Сүйүн, сенин апаң катуу ооруйт, бирок доктурга алып барба, ал нервке доо кеткенден болот, врачтар аны жакшы карабайт, азыр капчыгы калыңдардын доору, сен күнү-түнү жанында бол, мен сага керектүүнү алып барып берем, бир айдан ичинде сакайып кетет.

- Бакы…

- Мени ук, - деди да батирине келип коштошоордо, - Сен апаңды айылдагы атаңдан калган үйгө алып бар, ошол жерден куран окутуп, арбактардан кечирим сурасын.

- Макул, - деди да Сүйүн ойлуу кала берди. Айткандай эле үйүнө кирсе апасы эки баласын таңып алып сабап жатыптыр, - Апа, эмне кылып жатасың? - деп Сүйүн ыйлап жиберди.

- Ой сен жиндисиңби, булар душмандар да, кармап алдым, эми буларды милицияга алып барам, - деп жагымсыз жылмайып коюп дагы ураарда Сүйүн энесин катуу силкип жиберди:

- Болду, кое бер балдарды! - дегенде Кундуз селдейе аны карап калды эле Сүйүн шашып-бушуп эки баланы бошотту да апасынын колу-бутун байлады, - Сен эмне болуп жатасың апа, эсиңе келчи, мен силерди багып жатам го, колумдан келгенин жасап жатам, - деп буркурап ыйлап жатканда көпкө унчукпай жатып анан эсине келгендей:

- Мага эмне болду Сүйүн? - деди таңгала.

- Эчтеке болгон жок апа, айылдагы үйгө кетеличи, эмдигиче бош эле турат дейт, кетеличи үйгө, - деп апасынын жүзүнөн сылай бетинен өөп эркелей төшүнө башын койду, - Ошентелиби апа?

- Сүйүн, атаңдын туугандары мени киргизбейт го, атаң өлөөрү менен эле күйөөгө тийип кетсем мени карайбы? - деди Кундуз ойлуу.

- Кыз болсом дагы мен турбайынбы апа, эч ким эчтеке дебейт, кызга ар убакта төркүн керек болот экен, атамдын бир туугандары бар эмес беле, мага арка жөлөк болот, - дегенде Кундуз кайра жинденди, эптеп басып, жакшы сүйлөп отуруп анан Токмоктогу атасы болуп бактылуу көз ирмемди өткөргөн үйүнө алып барды, ал үйгө Сураналынын иниси Курбаналы баласын үйлөнтүп киргизип койгон экен, Сүйүн барганда унчукпай бошотуп беришти, тууган жердин турпагы алтын дегендей кундуз барганда ар кайсыны сүйлөп дөөрүп жүрдү, телефон менен байланышып айтканындай эле Бакберген атасы берген акчанын жарымына тамак-аш алып барып берди, жакшы сөз жылаанды ийинден чыгарыптыр дегендей Кундуз акырындык менен өзүнө келип, көңүлү тынып калды. Сүйүн үйүнүн жакшы салынганы менен сырты урап баратканын көрүп ичинен кандай кылып оңдотоорун билбей жүрдү. Аңгыча убакыт өтүп ажо мекенин таштап качып кетти, көп өлүм болбогону менен Оштон келген жалгыз аялдын көзгө басаар жалгыз баласына таш тийип мерт болду, ал жөнүндө аз болсо да гезиттерге жазылып ошол бойдон бир бечара бейиши болду. Бакберген ошол жылы үйлөнтөбүз деп киришкенде Сүйүндү ээрчитип барды. Анарбек менен Асылкүлгө кыз жагып калды, жакшы жери кандай жерден кызы, кимдин кызы деген жок. Экөө ак сүйүүнүн балын татып болжонгон күнү үйлөнүштү, баягы көргөн адамдын эмне болоорун билип, шак эле айтып койчу Бакберген токтоо жигит болгон. Үйлөнөөр күнү ал Анарбекке кеңешип Сатарды чакырсам деген оюн айтты эле ал каршы болбоду. Бул кезде Жамалбек менен Шамалбек да үйлөнүп бала-чакалуу болуп калган, Венера Каныбек менен бактылуу жашап уулдуу болгон. Сатарды өзү алып келди, агалары той күнү барабыз деп калды. Бакберген Сүйүндү кийинтип алып ээрчитип келди, достору менен Сүйүндүн жакын курбусу жанында, кээси: "Тобо-о, кечээ эле таштанды деп ур-токмокто жүргөн баланын бактысын кара, бул Анарбектин эмгеги, жакшылыгы", - деп ойлошсо, кээси: "Бул баланын кудай берген керемети бар, байкуш Батийна үйүнө келген ырысты кармана албай калган экен", - дешип ар кандай жооруп тойго күбө болуп даам сызып отурушуп дагы шыбыр-күбүр болуп жатты. Бакберген бактылуу болуп, жүрөк сүйгөн адамына тагдырын кошуп турганга жетине албай турса да эл ичиндеги ар бир көз карашты сезип-туюп жатты. Бирок ал унчуккан жок, жашоосундагы өзгөрүүлөрдү дайын билип турган кандай бакыт, бирок жамандыкты көзүң көрбөсүн, Бакберген азырынча өз айланасындагы жакшылыкты гана сезип, күбө болууда, жылдар өтүп, жашы өйдөлөгөндө, же керемет күчү тынчын алып чындыкты чыркырата айт деп кыстаганда ачыкка чыгабы ким билет, бирок азырынча алдын ала сезген өзгөрүүсүн айтып коет, баары бир өзү менен өзү. Сүйүн экөөнүн тоюнда баары болду, Венера ага атайын келип эки бетинен өөп:

- Бактылуу бол, менин кичинекей иним! - деди, андан кийин Сүйүндү өөп ак жоолук салып, Бакбергенге Бакайдын калпагындай калпак кийгизди да, - Ак көшөгөңөр ылайым көктөп, канат бутактуу болуп, элиңдин керегине суу менен кандай ыйык, таза эмгек кылган, аттын кашкасындай белгилүү адам бол! - деп батасын берди!

- Айтканыңыз келсин эже, - Бакберген маңдайы жарыла кубанып турса дагы бир кездеги Венеранын өзүн тепкилегени көз ирмемде тасмадай тартыла түштү, Сүйүн ийиле жүгүнүп кайнежесине ыраазылык билдирди, Сатар бечара көзүнө жаш алып Бакбергендин жанына жеткенче, оролгон наристени, болпоюп ыйлабай жаткан жылаңач наристени колуна алган кезин эстеп: "Таштанды, өлүгүңдү көрөйүн таштанды!", - деген Батийнанын сөзү кулагына угулуп Бакбергенди бекем кучактап өөп сүйлөөгө кудурети жетпей кайра ордуна келди. Анын көз жашын көрүп Анарбек менен Асылкүл түшүндү, ымыркай кезин эстегенин сезди, айрыкча Асылкүлдүн жүрөгү барча-барча тилинип сыр билгизбей уулун өз колуна аман-эсен жеткирген ушул момун адамды кудайындай көрүп турду. Тагдыр таш боор дейбиз, жо-ок, тагдыр эмес адамдын таш боордугу өтө күч, куруу намыс таш жарат деп өзүбүздүн жаңылганыбызды кеч сезебиз пендем. Баарыңа дүйнөдөгү бейкутчулук, мээримдүүлүк менен айкөлдүк каалайм, кадырман калкым!

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз