Айгүл ШАРШЕН


"Өч алуунун аягы"


Ош шаарынын бир айылында болуп өткөн бул окуя токсонунчу жылдын май айлары эле. Анда союздун гүлдөп турган маалынын акыркы жылдары, жаңы коомду көпчүлүк кабыл ала албай турган кез. Гүлбахар өзү медсестра болуп иштечү, отпускага чыкмак болуп арыз жазып эми үйүнө кеткени жаткан, чогуу иштеген Назира беш айлык наристени керебетке жаткырып жатканын көрүп:

- Бул кимдин баласы? - деди.

- Сенин балаң, - Нази күлүп койду, анткени Гүлбахар көп жылдан бери төрөбөй жүргөн эле, күйөөсү Карим экөө бала үчүн көп урушчу.

- Кандайча? - Гүлбахар ишенип-ишенбей тамашалап жаткандай карады, бүткөн бою билинээр билинбес калтырак басып курбусун тиктеп калды.

- Чын айтам Гуля, карасаң кандай татынакай бала, жактыбы сага?

- Ооба, уулбу же кызбы? - деди да керебетке эңкейип уктап жаткан наристеге үңүлдү, - Сулуу экен.

- Уул бала экен, - деди да Нази ага болгон ишти айтып берди, - Бул баланы азыр гана алып келишти, поезддин жолуна таштап кеткен экен, азырынча эч кандай негиз жок, бирок баары бир туугандары чыгат болуш керек.

- Ананайын ай десе, карасаң тим эле каштары капкара болуп жүзүнүн аппактыгын, кандайча таштап салышты экен? - Гүлбахар наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, - Денсоолугу кандай экен?

- Текшерип жатышат, анализдерин алды, төрт-беш айлык го, ыраспы?

- Ошондой го? - Гүлбахар баланы ойлуу бооруна кысты, - Бөйтөйгөн садагам десе, ушундай бир наристени кудайым мага дагы берип коеор бекен Нази? - Көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

- Кабатыр болбо курбум, кудай деген куруу калбайт дешет эмеспи.

- Туура, кудайым куруу койбос…

- Бала кандай ыйлаган жокпу? - деп башкы врач кирип келип Гүлбахар көтөрүп турганын көрүп, - Оо Гуля, бала жактыбы? - деди күлө карап.

- Жакты агай.

- Эмесе ата-энеси же туугандары табылганча сен карап тур.

- Кантип? - Гүлбахар башкы дарыгерди таңгала карады, бала багып көрбөгөнгө жүрөксүдү, күйөөсүнөн тартынды, - Эмчек эмген баланы багуу оңой эмес го?

- Көнүп кетет.

- Макул, - деп Гүлбахар ойлонуп калды, башкы дарыгер чыгып кетти. Нази экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан үйүнө жөнөдү: "Каримге айтайын, макул болсо бага берейин, ушунча таштаган неме келе коймок беле", - деп ойлонуп келсе Карим келе элек экен. Күндөгүдөй эле өз ишин жасап кыбырап жүрүп дагы баланы ойлой берди, ата-энесине дагы кеңешмек болду, Карим эшиктен киргенде кубанычтуу каршы алып жайдарылана карады эле жактырбагандай:

- Энең эркек төрөгөнсүп эмне кубанып алгансың?

- Жакшы кабарым бар, сен макул болсоң эле болду.

- Эмне деген кабар?

- Бала багып алсак дедим эле…

- Кандай бала?

- Уул бала экен, бирөөлөр таштап кетиптир.

- Кереги жок, өзүң төрөй албай бирөөнүн баласына жалдыраткың келип жатабы? - Ачуулана бурк этти Карим.

- Анда өзүм багам.

- Эмне?

- Бала баксак ошонун арты менен балалуу болуп кетээрбиз.

- Жомогуңду кой, эмне кылсаң ошо кыл, - Карим дилинде макул болгонсуганы менен сыртына чыгарбады, - Кардым ачты, бирдеме берчи.

- Жуунуп келбейсиңби, тамак даяр.

- Ооба, - Керим сыртка чыгып кетти.


Гүлбахар өзүнчө ойго батып: "Мен балалуу болууну каалайм, өмүр бою Каримдин суз, муздак көз карашына тоңуп жүрө албайм, эне болуп, наристенин ырахатын, тун күлкүсүн угуп бактымды баладан табам, ал өз сүйгөнү үчүн өзүн түбөлүк туюкка камап алып, өзүнүн муз каптаган аралында жашай берсин", - деген чечимге келди. Карим кирип абалкысындай эле суздукка капталган муздак көз карашы менен Гүлбахарды бир карап алды да дасторконго отурду.

- Уул бала, татынакай, сүйкүмдүү экен, - деп койду Гүлбахар күйөөсүнө тамак куюп сунуп жатып.

- Деги аның кыргыз баласы бекен?

- Ооба-ооба, кыргыз эле, - Гүлбахар шаша жооп берди.

- Ата-энеси чыгып калсачы?

- Чыкпайт, - Гүлбахар ишенимдүү айтты.

- Кайдан билесиң, бир күнү чыга калса өзүңө жаман.

- Көрөбүз да, чыкса чыгаар, башкы дарыгер өзү бага бер деди, ал менин балалуу боло албай жүргөнүмдү укса керек, баланын артынан бала келет дешет го, балким кудайым бизди дагы кубантып коеор…

- Өзүң бил, издеп жатышыптырбы?

- Милицияга айтып дайындады.

- Аа-а, - деп койду Карим.

Бул үйбүлөнүн бирге жашаганына жыйырма жылдан ашып калса да бири-бирине муздак бойдон эле… Каримдин өзү жактырып жүргөн кызы бар эле, бирок аны агасы бербей койгон, акын агасынын көңүлүн калтыргысы келбей ал кыз Каримге болбой койгон. Гүлбахар бир үйдүн тун кызы, бирок төрөлгөндөн ыйлаак болгондуктан апасы ага энелик мээримин бере албады, бир күнү апасы каргап-шилеп жаткан:

- Жаагы сынып эле ыйлай берет, дегеле баладан башкача болду, өлүп кеткир ээ!

- Төрөбөй эле койбойт белең? - деди атасы күңк эте.

- Мен кайдан билейин, мунун мындай ыйлаак болоорун.

- Чоңойсо ыйлаагы калаар.

- Эк, тажап кеттим, - Силкине үч айлык кызын түртүп койду, бакыраңдаган наристе ушул учурда жарк этип күлүп койду, - Күлүп койгонун кара.

- Күлсө күлөт да, ыйлаактыгы ошол мунун, бала ыйлабай чоңойчу беле? - деп атасы кызын алып көтөрмөк болду, - Иштебесем өзүм багат элем, - Абдраим үй ичинде ары басты.

- Бага бер.

- Эмне болду? - Эшиктен Абдраимдин апасы Гүлпари келди, - Кызыңды көтөрүп алгансың го?

- Ооба, энеси муну жактырбай ыргытканы жатат.

- Ок, эмнеге ыргытат? - Гүлпари чоочуй келинин карады.

- Ыйлаак…

- Капырай де, бала ыйлайт да, ыйлабай чоңойгон бала болобу?

- Апа, күн-түн дебей ыйлайт, же уйку бербейт, же иш жасатпайт.

- Сабира, андай эле баладан тажап жатсаң мага бер, абысыныңдын согончогу канабай жүрөт, кандай гана багып алаар экен.

- Алып кетиңиз, багып алышсын, - деди Абдраим Сабирадан мурун эле, - Бала тапкандыкы эмес баккандыкы.

- Ой ала бергиле апа, дегеле тойдум, - деди Сабира дагы, Гүлпари келининин мерездигине таңгала баланы ороп, чулгап алды да көтөрүп алып өз үйүнө кетти, кичүү баласы үйлөнгөнүнө төрт-беш жыл болсо да балалуу болбой жүргөн, кубана Гүлбахарды көтөрүп кирген Гүлпари уул-келинине:

- Алып кел балам, агаңдын аялы баланы сүйбөйт экен, кудайдын буйругу менен балалуу болуп калсаңар ажеп эмес, чын пейилиң менен наристеге мээримиңди сал, балам, - деди кудуңдай.

- Жеңем өзү бердиби? - Уулу Азим апасын ишенкиребей карады.

- Бербегенде эмне, сенин балаңбы, аныкыбы баары биздин тукум.

- Апа, жеңем кайра алып алсачы? - деди Азимдин аялы Адина.

- Албайт, мен турам го? - деп Гүлпари наристени сунганда Адина кубана колуна алып мемиреп уктап калган наристени өпкүлөп ийди:

- Алтыным ий, дегеле көзгө сүйкүмдүү болуп калган го?

- Болду эми, уктап жаткан баланы ойготосуң, - деп келинчегинин колунан Азим алды, - Орун салчы.

- Азыр, - Адина шашкалактап балага орун салып жатты.

- Дегеле мемиреп калганын, үйүндө какылыктап ыйлап жаткан, - Гүлпари эч нерседен капарсыз бөйпөйүп уктап жаткан наристени мээримге толгон көз менен жылмая карап койду.

- Ошончо эле ыйлаак бекен?

- Айтпа, күнү-түнү ыйлайт дейт.

- Ыйласа деле мейли, уктабай эле багып алам, - Адина кызды колуна алып төргө жаткырды, - Садагам ий, ойгоноор түрү деле жок го?

- Баланын периштеси бар сенде балам, буйруса сен дагы төрөп аласың, ушу кыз ак жолтой болсун.

- Ошондой эле болсо экен, апа, - Адина бөйпөйүп уктап жаткан наристени ойлуу карап калды, - Кудайым ушундай эле бир кыз берсе болду, - Улутунуп жиберди.

- Жараткан пендесин өзү жалгайт балам, кудай десеңер куруу калбайсыңар, - Гүлпари сыртка чыгып кетти.

- Адина, сен муну бага аласыңбы? - деди апасы чыгып кеткенде Азим аялына.

- Эмнеге бага албайт экенмин, багам эле, - Адина күйөөсүнө бултуң эте таарынып калды.

- Деги да, өзү ыйлаак болсо, анын үстүнө бала багып көрө элексиң.

- Багам эле, керек болсо кандай багаар экенмин, - Адина эңкейе кызды ууртунан секин өөп алды.

- Чоочутасың, - деген Азим анын жанына отура калып өзү дагы наристени өөп алды, - Бала кандай жакшы көрүнөт ээ?

- Ооба-а, эмдигиче төрөсөм балабыздын алды бешке чыгып калмак, - деп Адина муңканып жиберди, - Мени кечирчи, Азим.

- Эмнеге кечирим сурайсың, сенин күнөөң жок, анте бербечи Адина, көрөсүң го, биз дагы балалуу болобуз, - Келинчегинин эки бетинен өөп койду, - Капаланбай жүрчү ээ?

- Ма-акул эми, - Адина унчукпай сыртка чыкмак болуп баратып кайра эмелеги таарынычы жоголуп жаркылдай карады, - Азим, балага сүт алып келиш керек, бизде сүт жок, ойгонсо эмне кылабыз?

- Чын эле, азыр мен сүт таап келем.

- Кийим-кече дагы карай кел, кызыбызга күрмө шым алып берели.

- Макул, - Азим шашыла чыгып кетти.

- Күчүгүм десе, Гүлбахарым менин, - деп наристени дагы карап жылмайып алды.

Гүлпари сыртта жүрүп уул-келининин сөзүн угуп ичинен сызып алды: "Карангүн ай, бир баланын айынан бечараларыма жаман болду, сүйүүң менен сүмүрөн кал, бири-бирин жакшы көрүшөт, айрылышаар эмес, жаратканым бир наристеңди аябай уул-келиниме бир перзент берип койсо экен", - деп ойлуу үйгө кирди, келгенине бир топ убакыт болсо да козголбой уктап жаткан наристени көз кыйыгынан карап, эбелектей улам аны караган келинин көрүп үшкүрүнө төрдөн орун алды.

- Азим кайда кетти? - деп сурап койду билип турса дагы.

- Апа, Гүлбахар ойгонсо ыйлайбы деп сүт таап кел дедим, - Кудуңдай карады, - Анан кийим-кече ала келсин.

- Аа-а кагылайын десе, буга азыр кийимдин зарылчылыгы жок, негизгиси бала силерге көнүп, эмчекти унутуп тамак ичип кетсе эле болду, эки-үч күндө билбей калат.

- Апа, ойгонуп калды, - Адина баланы ала койду, - Гүлбахар, кана кызым, кардың ачтыбы? - деп чоп эттире өөп койгондо наристе жарк этип күлүп койду, - Садагам ий, карасаң апа, сулуу кыз болот ээ?

- Сулуу болбосо да жүрөгү мээримдүү болсун, балам.

- Мен чай берейин, алып туруңуз, - деп Адина Гүлбахарды кайненесине кармата салды да чай даярдап алып, - Апа, упчу жок эмнеге берем? - деп айласы куруй түштү.

- Мен ылдыйкы үйгө барып упчусун алып келе калайын, - деп Гүлпари ордунан турду.

- Жеңеме мен эле барайын апа, сизди убара кылбай эле.

- Өзүм эле барайын, сен кызыңды алып отура бер, балам, - деп сыртка чыга бергенде Азим келип калды.

- Апа, сүт алып келдим, аптекадан упчу алып алдым.

- Алдыңа кетейин десе, ырас кылган турбайсыңбы, ылдыйкы үйгө барайын деп жаттым эле, - Эне-бала ээрчише ичкери киришти. Үчөө үйрүлө наристеге сүт берди эле упчу эмбеген неме кайсактап жатып зорго ичти, негедир какылдап ыйлаган кыз момурап эле калды. Адина менен Азим ортого алып улам бири ала коюп эркелетип ал түнү эрмеги бала болду. Түндө ыйлап бир аз эмчек издеген болду, бирок сүт берип койсо болпоюп уктап калды. Адина Гүлбахар көнгөнчө кийим чечип жатпады, улам туруп сүт берет, кургактап жалаяктарын жууп үтүктөйт. Сабира бир басып келген жок, Абдраим өзү үчүнчү күнү келди, бирок баягы какылдап жаагын баспай ыйлаган Гүлбахардын болпоюп эле Адинанын алдында отурганын көрүп таңгалды.

- Кызыңар кыйнаган жокпу? - деди назар сала келинине кайрылып.

- Жок аке, кыйнаган да, ыйлаган да жок, - Адина жылмая жооп кылды.

- Үнүн басчу эмес эле, ушу силерге келгиси келип жаткан го?

- Ошондой, наристе дагы билет, эми Сабира дагы төрөп алат, биз Гүлбахарды бербейбиз, - деди Гүлпари күлө, - Биздин кызыбыз болду.

- Мейли, Азимдин баласы дагы менин балам, - Абдраим ордунан турду, - Мен кеттим, ыйлап кыйнадыбы деп келгем.

- Сабира эмчеги толуп кыйналбадыбы?

- Жок, толгон деле жок дейт.

- Капырай, ушунча да мерез аял болот экен да.

- Өзү балага салкын экен, - деген Абдраим чыга жөнөдү, өзүнүн кызын колуна алуудан тартынып, эки күндө эле жат боло түшкөнүнө ичи ачышып үйүнө келди.

- Ыйлаптырбы? - деди Сабира.

- Сага эмес Адинага берсе болмок ошол кызды, баргандан бир да жолу ыйлабаптыр, күлүп отурат келиндин алдында.

- Чоңое берсин, акыры биздин балабыз да.

- Эми ошону менин кызым деп кантип айтасың, Адина аны үйрүлүп түшө карап жатканын көрүп ичим ачышып кетти, сенин мерездигиңден болду, эми барганда колуңа алчу болбо, - деп Абдраим жиндене кетти, - Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дегенди билесиңби?

- Болуптур ой, ошолорго эле кут болсун.

- Кут болсун, бир тууганым менен бала үчүн жаман көрүнүшпөсөм болду, мындай жаман болчу эле.

- Ким жаман көргөзмөк эле, сен же мен унчукпасам болдубу? - деп Сабира күйөөсүнүн сөзүн жактыра бербей ары карады, - Сенин ичиң ачышып жатпаса мен ойлогон дагы жокмун.

- Эмне үчүн төрөдүң анан?

- Боюма болсо төрөбөй эмне кылам.

- Болуптур эми, аман-эсен чоңое берсин, - Экөө тең унчукпай калышты.

Күндөн-күнгө Гүлбахардын кыял-жоругу чыгып, Азим менен Адина колдорунан түшүрүшпөйт, аңгыча жай өтүп күз келгенде жөрмөлөп калды, айрыкча "апа-ата" дегендеги кубанычтарын сөз менен айтып жеткире албайт эле.

- Кана, кана Гүлү, апа-апа деп койчу, - деп Адина айтса Азим ага тийишип чычалатып кирет.

- Жо-ок, кызым ата дейт, кана кызым ата деп койчу, - десе наристе аларды көздөй талпына "апа-ата", - деп экөөнү кубанычка бөлөп турат, Сабира кээ-кээде келип аларды көргөндө: "Байкуштар ай, мейли силерге эле кут болсунчу, дегеле карабайын", - деп ойлоп коет. Бирок келип кетип жатса да назар салбады, абысынынын көңүлүнө кетпесин дегендей колуна албады. Убакыт учкан куштай сызып бат эле жыл өтүп кетти. Гүлбахар басып калды, көпөлөктөй кылып кийинтип алып кайда барышса дагы алып алышат. Гүлпари ичинен тынып: "Капырай, качан боюна болот, жок дегенде бирди төрөп алса болот эле", - деп тынчсызданып жүргөндө чындап эле кубанычтуу кабар болду, Адина бир күнү Гүлбахарга тамак жасап бергени жатып көңүлү айнып кускусу келип сыртка жүгүрүп чыкты, аны көргөн Гүлпари адегенде ишенген жок, небересин алып отуруп калды. Ошентип ал тамактын жыты келсе эле кускусу келип өзүн жаман сезип жүргөндө ага:

- Балам, тамак-ашты өзүм эле жасайм, кызыңды ала бер, - деп Гүлпари ички туюмун ачыкка чыгарбады, кокус боюнда жок болсо сууп калбасын деп ойлоду. Арадан эки ай, үч ай өткөндө ичи бүлк этип, Адина ошондо гана боюнда бар экенин билди, кубанычы койнуна батпай кызын кучактап өпкүлөп жатты:

- Берекем, ак жолтоюм, менин бир башымды эки кыла турган болдуң, сен менин бактыма гана төрөлгөнсүң, ырысым! - деп ыйлап отурган келинин көргөн Гүлпари сырттан кирип келип:

- Кызың экөөңөр эркелешип отурасыңарбы? - деди да көзүндөгү жашты көрүп чоочуп кетти, - Ботом, сага эмне болду?

- Апа, сүйүнчү, кызым ак жолтой болду, бөбөктүү болот экен! - Адина көз жашын куюлта кайненесин кучактап калды, - Биз балалуу болобуз, апа!

- Оозуңа май айланайын, ак сары башыл айттым, мен сезгеним менен ишенеби-ишенбейби деп айткан жок элем, - Гүлпари келинин өөп, Гүлбахарды колуна алды, - Май көтөн кыз болгон тура садагам десе, жакында Сабира дагы көз жарганы турат, өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле, айланайын.

- Азим кандай кубанаар экен, апа, сиз айтасызбы?

- Ооба садага, ал жамандан сүйүнчү алайын, - Гүлпари кудуңдай небересин көтөрүп эшикте жүргөн чалына сүйүнчүлөп андан кийин Адинага минтти:

- Азырынча башкага оозуңардан чыгарбагыла, кийин көрө берсин.

- Макул апа.

- Мен Абдраимдикине барып келейин, Сабира дагы төрөгөнү турат, кабар алып койбосом болбойт, - деди да ылдыйкы үйүнө жөнөдү. Негизи чоң үй, кичи үй дешчү, Абдраимдер үйлөнгөндөн кийин үй салып бөлүнгөн ошондуктан алардын үйүн кичи үй же ылдыйкы үй деп коюшат. Ал келгенде Сабира жатып алып уктап калган эле. Эшиктен кирген кайненесин сезген дагы жок, акырын кирип келе жатып:

- Сабира, ээ Сабира, ботом кечке уктай бербей ара-бери бассаң боло, төрөгөнүңө жеңил болот, - деди наалый, - Тур, кеч бешим болуп калды.

- Аа-а апа, качан келдиңиз эле? - Көзүн ушалап кериле туруп анан сыртка чыкты, - Абдраим келе элек го?

- Жумушка кетти беле?

- Ооба.

- Келет анда, ал келсе экөөңөр үйгө баргыла, келин тамак жасап жатат, чогуу тамактаналы.

- Макул, апа, - Сабира оозун ача эстеп алды.

- Анда мен кеттим, боюнда бар аял көп басат, төрөгөнгө абдан жеңил болот, жата берип кыйналып жүрбө.

- Ооба апа, - Сабира уялгандай жер карады, Сабира Абдраимдин экинчи аялы, Адинадан кийин келген. Гүлпари сүйлөнө короодон чыкты.

- Капырай, азыркы жаштар жаталак дегеле, колу бошунда ишин жасап албайбы, керээлден кечке жата бербей, - Ал үйүнө жеткенде Азимдин келип калганын көрдү, ал атасы экөө сүйлөшүп турган экен: "Каап, айтпа деп койбой, мейли садагаң кетейин, кубанып калсын", - деп ойлонуп жете келди.

- Мурдуңа келгир десе, тим эле дердеңдеп калган тура, - мулуңдай күлүп уулун өзүнө тарта эки бетинен өптү, - Кут кылсын балам, аман-эсен көзгө көрүнгүчө киши-карага айта бербегиле.

- Макул, апа, - Азим апасына жылмая карады, - Угуп алып аябай сүйүнбөдүмбү.

- Кудай кубанчыңды кут кылсын.

- Ошондой эле болсун апа, ал силердин небереңер болот да.

- Айла-анайын, Адина бала менен кыйналбасын, мен үйгө кирейин, - деп Гүлпари ичкериге кирди, - Кызың уктадыбы, балам?

- Ооба апа, Гүкү уктап калды.

- Садагаң болоюн десе, кудайым ушул кызды силерге периште кылып жөнөткөн экен да.

- Ошондой болсо керек апа.

- Тамакты асып койдуң беле?

- Ооба, бышайын деп калды.

- Абдраим менен Сабираны чакырып койдум, алар кийин укса таарынышат, мындай кубанычтуу жаңылыкты аларга айтпай койсок болбойт эмеспи.

- Ооба апа, айтпай кантип коймок элек.

- Тобо де балам, көптөн бери төрөбөй жүрөсүң балам, этият бол, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн тилинде бар.

- Макул апа, - деп Адина унчукпай калды.

Ошентип көптөн күткөн кубаныч өз койнуна алып эми төрөбөй калдым го деп жүргөн Адинанын кубанычтан жүрөгү элеп-желеп болуп Гүлбахарды кудайындай көрүп жерге-сууга тийгизбей карап-багып жатты. Сабира экинчи кызын төрөп алды, Фатима төрөлгөндөн эле момурап жоош болду, Абдраим да кубанып экөөлөп карап жашоолоруна ыраазы болуп жашап калды. Ошол жылы жазга жуук Адина уул төрөп алды. Кубангандарын айтпа, атын Уланбек коюшту, артынан убай-чубай уул-кыз келе берсин деген тилек кылышты. Көп адам чакырып шаан-шөкөт деле кылган жок, баланын туулганына эмес турганына сүйүн деген эмеспи илгерки ата-бабалар.

Гүлбахар көздөрү жайнаган, татына кыз болуп чоңоюп келе жатты, жетиге чыкканда мектепке барды, ошол жылы Сабира бешинчи кызын төрөгөн, жаш аялмет болуп кыйналганынан ал Гүлбахарды сурай албай шылтоолоп сурап келе берет. Бир жолу жекшемби күнү келип:

- Апа, Гүкүнү жиберип койгулачы, балдар менен кыйналып жатам, кир когумду жууп алайын, - деди.

- Ботом, итирейтип буга бала бактыргың келеби, шылтоону башкага айт, эми Адина менен Азим силерге береби, анан калса экөө тең аны жакшы көрүшөт, - Гүлпари келинин сүйүңкүрөбөй карады.

- Жок апа, анда-санда жиберип турсаңар, жардамдашып турсун, - деди Сабира жер карай.

- Жеңе, - деди Адина, - Гүкүнү сизден талашпайбыз, бизге ак жолтой болуп берди, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү, барса барып келип турсун, мен сизден алыстатпайм, - деди күлүмсүрөй, - Ал үй менен бул үйдүн кандай айрымасы бар, колунан келишинче бөбөктөрүнө каралашсын.

- Өзүңөр билгиле, айланайындар, - деп Гүлпари эки келининин ынтымактуулугуна ыраазы боло карады, - Дегиңкиси баланы ортодо чайналтпай өз-өзүңөрчө мамиле кылгыла, бакма бала кыйын болот.

- Апа, Гүкүнү мен эч нерсе дебейм, эсине киргенде баарын өзү түшүнүп алат, жеңем да андай эмес.

- Мен эмне демек элем апа, бала болуп кетиптирминби же мен сени ыйлаактыгыңдан тажап берип койгом демек белем? - Сабира эшикти карап коюп күлгөн болду, - Мен жөн гана жардам берсин деп жатам, Адинанын өз кызы болсо деле сурап келет элем, анда эмне дейт элеңиз?

- Шум келиндер ай, мейли Гүкүнү чакырып алып кет, кайра кечке калтырбай жибер.

- Жарайт апке, - Сабира ордунан туруп эшикке жөнөдү.

Ал сыртта ойноп жүргөн Гүлбахарды ээрчитип үйүнө кетти, бирок канчалык аны кызым деп айткысы келсе дагы имериле албады: "Деги ушул кызга мээрим түшпөдү, неге мындай болду, өз баламды жээригеним кызык, ушундай да болот экен ээ?", - деп ойлонуп жүрүп дагы да төрөдү, кийинки кезде тукум улаар уулум жок өтөмбү деп көп ойлончу болгон эле. Эки үй, эки бир тууган абдан эле ынтымактуу болчу, ата-энелерин сыйлап, эки келин алдынан кыя өтпөй тамагын даамдап берип турат. Бир жолу эшикте жүргөн Гүлбахардын үнү "чыр" этти эле баары жабыла чыга калды. Ал чөптүн үстүнөн жыгылып кетиптир.

- Кокуй карангүн, чөпкө эмне чыктың эле?

- Этияттап көтөр эми, - дешип Азим үйгө көтөрүп кирди, анда врачтар анча көп эмес, сынык билген адамды алып келишип омурткасын салдырышты. Бир айдай төшөктө жатты. Ошондон жакшы сакая электе Абдраим келип:

- Гүкүнү бизге бергиле эми, балдарга каралашсын, - деди.

- Азыр жакшы боло элек, бели жакшы болуп калганда барсын, аке, - деди Азим, - Бала көтөрө албайт.

- Болуптур анда, - Абдраим башын жерге салып үйдөн чыкты, анткени Сабира: "Кыз бала болсо бүкүр болуп калбагай эле, үйгө эле алып кел, жакшылап карайлы", - деп жиберген эле.

Убакыт билинбей өтүп Гүлбахар бой тартып баратты, сегизинчи класста окуп жатканда кокусунан катуу жыгылып дагы белин оорутуп алды. Ооруканага алып барышты эле андан борборго жөнөттү. Гүлбахар жылдап ооруканада жатып калды, өзүнөн кийинки сиңдиси Фатима да бой жетип көзгө көрүнүп калган. Гүлбахарды медучилищага окутуп коюшкан. Ал окуп жүргөндө ага Каримдин ата-энеси куда түшмөк болуп чакыртып алышты, ошентип ал сүйлөшпөй этпей эле турмушка чыкты. Карим үйлөнгөндө муздак болуп ошол бойдон муздак, салкын мамиле жасап Гүлбахарды бир жылмайып карабады. Экөө жаш жубайлардай күлүп-жайнап ойноп күлбөдү… Ушуларды ойлонуп отуруп кеч жатты. Көңүлү уйгу-туйгу, бала эсинен кетпей улам эле болпойгон наристе көз алдына тартыла берди. Эртеси отпускага чыкканына карабай жумушуна келди, ал башкы дарыгерге кирээри менен эле:

- Гуля, келгениң жакшы болду, баланы алып кете бер, эгерде ата-энеси табылса көрөбүз, - деди.

- Макул агай, менин дарегимди милицияларга берип коесуз да.

- Албетте, аз күн болсо дагы баланы жакшы кароо керек, камкордук керек балага, баарын текшердик, денсоолугу жакшы.

- Түшүнөм агай, анда мен бара берейин.

- Бара гой, жакшы эс ал.

- Рахмат, - деди да башкы дарыгердин кабинетинен чыгып түз эле бала жаткан палатага кирди.

- Эмне болду, алып кете турган болдуңбу? - Назира суроолуу карады.

- Ооба, - деп Гүлбахар кубанычтуу жылмайды.

- Эч кимиси келбесе кандай болот, бага бересиңби?

- Эмнеге бакпайм, бала кылып алам, - деп Гүлбахар наристени колуна алып бооруна кысты, - Мага бала болосуң ээ балам?

- Күйөөңө айттыңбы?

- Ооба.

- Эмне дейт?

- Эчтеке, өзүң бил дейт.

- Жакшы болуптур, жолуң болсун эми, отпусканы бала менен өткөрө турган болдуң, - Назира күлүп аны кабинеттен узата чыгып кала берди. Үйүнө келе жатып эле наристеге бир сыйра кийим-кече алды, сүт менен упчу алып анан келди. Сүйкүмдүү наристе чоочуркап жатып көнө түштү. Күнү-түнү койнуна алып жатып, үнү чыкса эле уйкусунан ойгонуп карай калат. Эки жума дегенде ал өзү иштеген жерге барды, башкы дарыгер жакшы кабыл алып:

- Баланын абалы кандай? - деди туруп келип наристени карап жылмая.

- Жакшы.

- Ыйлаак эмес бекен?

- Жоош эле…

- Азамат, сен бир адамды асырап калдың.

- Агай, ата-энесинен дайын жокпу?

- Жок, болсо сөзсүз айтабыз.

- Эмне кылам, аты жөнү жок жүрө береби?

- Жок-жок, эки жумага чейин табылбаса өзүңө энчиктеп алууңа болот, керектүү кагаздарды толтуруп беребиз, күбөлүк алганыңа, - деди башкы дарыгер.

- Макул агай, - Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.

- Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? - Үңүрөйө карады.

Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.

- Сен качантан бери менин көңүлүмдү карап калдың эле, жыйырма жылдан бери муз үстүндө калтырап келе жатам го, жок дегенде баланын ырахатына батып бактылуу болгонумду ыраа көрбөйсүңбү? - Гүлбахар ызалуу жооп кылды, - Өмүр бою башка бирөөнү ойлонуп, мен эмес ошонун элеси менен жашап келе жатасың го?

- Койсоңчу, - Карим дале кабагын бүркөй карап кол шилтеди, - Бирдеме жасай койчу, кардым ачты.

- Азыр, баланы уктатып коеюн.

- Аныңдын атасы келет жакында.

- Эмне, кайдан билдиң? - Гүлбахардын көздөрү алайып кетти.

- Атасы бар экен, - деп укканын айтып баштады.

Шухрат өзбек экен, аялы Зейнеп экөө эки жыл мурун эле үйлөнүп ушу баланы көрүшүптүр. Атасы өлгөндө бир агасы үйүн талашып жүргөн экен. Ага карындашы кошулуп:

- Сен кичүүсүң, жашсыңар, үй салып аласыңар, бошотуп бергиле, - деди, - Апа, балаңа айт бошотуп берсин.

- Ботом, бул үйдө Шухрат калат, андан көрө алар чоң эмеспи, үй салып алышсын, - деди апасы.

- Жаш аялмет болсо, кайдан үй салат, калыс эле болбойсуңбу, жаш немелер үйдү салып да, сатып алса болот.

- Жаш болсо да эң кичүүсүндө болот, сен эмнеге эле минтесиң, экөөнө тең калыс бол, бирин ашык, бирин кем көрбөй, - Энеси кызына ачуулуу карады.

Шухраттын атасы үйлөнгөндө Сарвиназ менен Шарип кичинекей болчу, алардын апасы ооруп каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин үйлөнгөн. Сарвиназ өгөй энесине атайын эле жинденип жүргөн болчу.

- Ооба, Шухрат да менин бир тууганым, бирок сен экөөнү бөлүп жатасың, энеси бөлөк экенибизди далилдедиң, Шарипти бул үйгө киргизбесеңер силерге күн көрсөтпөйм, - деп албууттанып чыгып кетти.

Ошентип уруш көбөйүп отуруп акыры бир күнү түн жамынып келген Шарип менен Сарвиназ эки жакты карап эч ким көрбөгөндөй кылып жылып келе жатканда үйүндө коноктун бар экенин көрүп кайра кетишти. Зейнептин төркүндөрү бар эле, эртеси алар кеткенден кийин Зейнем күйөөсүнө:

- Шухрат, талашпай эле берип койсоңчу, түшүм жаман, бир балээге кабылып жүрбөйлү, - деди маанайы пас.

- Коркпо, Юсуп менин дагы атам, анын да атасы, кичүү деп мага жол койбосо өздөрү билсин, - деп Шухрат моюн бербей ишине кетип калды, келин бечара ойлонгон бойдон кала берди, анткени анын түшү өтө коркунучтуу болгон экен, өзүнүн чоң атасы аны ачууланып колунан алып жетелеп баратыптыр: "Балам калды, мен баламды алып алайынчы", - дегенине болбой: "Ал атасы менен калсын, сени тигилер мага жөнөтүп жатпайбы, кайненеңди күйөөсү алып кетет, сени мен алып кетем", - деп болбой эле караңгылыкты көздөй сүңгүп баратканда чоочуп ойгонуп кетти. Шухрат ошол күнү жумушунан кеч чыгып бирге иштеген шериктери менен сүйлөшүп чайлашып отуруп калган. Кеч күүгүмдө Шарип менен Сарвиназ келди да энесин урчудай болуп жатты:

- Жерди, үйдү бересиңби жокпу? - Сарвиназ мойнунан быкындаганда Зейнеп жетип чырылдап ийди:

- Эже, алгылачы баарын, апама тийбеңиз!

- Ыя де, кайненеңди жакшы көрөсүңбү, Шухрат менин тилимди албай сени алган, сүймөнчүк келинсиң да, - деп аны Сарвиназ түртүп ийди.

- Сарвиназ, анда эмне күнөө, сени эже дегенден башка эмне жамандыгы бар? - деп кайненеси тура калганда аны дагы түртүп ийди эле катуу жыгылып жыгач сандыктын кырына башы тийип кан жайылып кеткенде Шарип менен Сарвиназ бири-бирин карап делдейе калышты, алар жөн гана коркутмакчы болуп келген эле, Зейнеп чырылдап кайненесинин башын жөлөп бакырып жатканда Сарвиназ Шарипке башын ийкеп койду эле ал жүгүрүп эшикке чыгып барып балта көтөрүп келди да жетип ай-буйга келтирбей келинди башка бир чапты, кемпир эбак сулк жатып калган, аны кучактап отурган бойдон Зейнеп шылк этти.

- Ким кылганы билинбей калсын, кеттик эмесе, - деп Сарвиназ агасына караганда ички бөлмөдөн баланын үнү угулганда селдейе түштү:

- Эми эмне кылабыз, жата берсинби?

- Жок, аны да өлтүрөлү.

- Кантип, ал эчтекени билбейт, ансыз деле ыйлай берип боору катат, качтык бол эрте, - деп Шарип эшикти көздөй басканда Сарвиназ баланы көтөрүп жөнөдү, алар баланы алып үйдөн караандары эми гана узаганда Шухрат дарбазадан кирип келе жатып бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү да бөлмөгө жүгүрүп кирди, оозгу бөлмөдө бири-бирине оролушуп канжалап жаткан апасы менен аялын көргөндө эсин жоготуп койду. Дендароо болуп бир саамга туруп анан эсине келип өкүрүп-бакырып бир апасын, бир аялынын башын көтөрө калып кучактап ыйлап жатканда ар жак бери жактан коңшу-колоңдору келип заматта эл жыйналып калды. Ал убакта бала эсине келбеди, милиция чакырышып өлтүргөндөрдү иликтеп жатты, Шухрат аларга күнөөкөр ким экенин билип турса да айтпады. Үчүнчү күнү өлүктөрдү өз жайына коюп, ыйлап-сыктап отуруп анан оюна уулу келип жанында отурган атасынын иниси Музафарга кайрылды:

- Аке, менин уулум эмне болду, аны кайда алып кетишти?

- Ким билет, өчөшкөн немелер баланы алып кеткен го?

- Эмнеге, эмнеге баланы алып кетишет, азыр аларды өз колум менен өлтүрөм! - деп атып туруп эшикке жөнөгөндө аны Музафар кармап калды:

- Эсиңе кел, өлгөндөрдү ойло, кечээ көмүлгөн өлүктү кайрадан казып суракка алышат, баланы мен иликтейм, сен ачууңду басып үйдө отур.

Ошентип алар баланын дайынын угушуптур, - деди Карим, - Атасы аябай жинденип, - Кантип, Шарипти өз колум менен элдин көзүнчө мууздайм! - деп жулунганда достору, тагалары аны кое беришпеди, бул кезде Шарип үйбүлөсү менен Сарвиназ эки баласын алып айылдан чыгып кетишкен эле, анын күйөөсү жок болчу… Ошентип аларды үйүнөн таппай калып милицияга кабарлашты, алар дароо эле ооруканага алып барган наристе жөнүндө айтып тактамак болуп жетип барышты. Башкы дарыгер менен сүйлөшкөн соң Каримдин үйүнө келишти. Гүлбахар үйдө болчу, дарбазанын такылдаганынан чыга калса төрт беш сомодой болгон өзбек адамдары турган экен:

- Ассалоому Алейкум, апажан, - деди бири колун бооруна ала, жанында милиция кызматкери жүргөн.

- Эже, балага келишти, тааныса булардыкы, тааныбаса башка жактан издейбиз.

- Макул, - Гүлбахар дарбазаны кең ачты, - Кириңиздер. - Баары ичке киришкенде Азат уктап жаткан, Гүлбахар аны жүгүрүп жүрүп өзүнө каттатып күбөлүк алып, атын Азат деп коюп алышкан эле, аз убакыт бакканга боор эти менен тең болуп калган экен, ичи ачышып ыйлагысы келип турду, бирок чыдап баланы өйдө көтөрө берди, - Мына тааныдыңарбы, силердин балаңар бекен?

- Уулум! - деп Шухрат кулачын жая бергенде жаңыдан ойгонуп, уйкусураган наристе атасын көрүп талпына бой таштап жиберди, - Уулум, биз жалгыз калдык, биз ушу күнгө туш болдук, - деп бооруна кысып алып солкулдап жатты.

Азат бул үйбүлөгө келгенине бир айдан ашса дагы Каримден чоочуркап, аны көргөндө бакырып ыйлап жиберчү, эми Шухрат канчалык бекем кучактап алса да төшүнө башын катып жылтырап кайгыны түшүнгөндөй момурап тура берди.

- Апажан, - деди Шухрат көптөн кийин, - Сизге рахмат, уулума экинчи эне болуп калдыңыз, баламды алып кетейин, - деди.

- Шухрат аке, сиз эми ала албайсыз, - деди участковый ага.

- Неге өз баламды…

- Мыйзам ченемдүү табылган баланын ата-энеси эки жумага чейин табылбаса баккан киши менчиктеп алууга акылуу, ошондуктан балаңызды кайра өзүңүзгө өткөрүп алганча бул жерде болот.

- Үйдө күбөлүгү бар го?

- Туура, бирок булардыкын жокко чыгарыш үчүн убакыт керек.

- Жарайт, - Шухрат жер карап ойлонуп калды, Гүлбахар аларга чай берип жатканда Карим келип калды. Баш ийкеп учурашып, үйбүлөсүнүн өлгөнүнө көңүл айтты, чай ичип-ичпей алар үйдөн чыгышты.

Гүлбахар баланы кучактаган бойдон телмире отуруп калды: "Ушинтип менин кубанычым көпкө узабады, кайрадан жалгыз каламбы, көнүп калдым эле, эми эмне кылам, Карим табалайт го", - деп ойлонуп отурганда аларды узатып чыккан Карим кирди.

- Мына, элеп-желеп болуп алдың эле, эми эмне кыласың?

- Эмне кылмак элем, өзүм менен өзүм кеңешип жүрө берем.

- Эн-неңди, андан көрө туубайсыңбы! - деп Карим жини келип сөгүнүп кыйкырып жибергенде анын жүрөгү түшүп калды:

- Эмне кыл дейсиң, төрөй албасам кантейин, андан көрө сен төрөй турган аял болсо ала берчи кудай жалгагыр! - деп Гүлбахар дагы тилин тартпай көз жашын куюлта бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо Карим аны кармап калды.

- Эмне, менден кеткиң келдиби, же башка бирөөнү таап алдыңбы, же алдагы баланын атасына тийгиң келип калдыбы?

- Кудай жалгагыр Карим, мени өлтүрсөң өлтүрчү деги, менин жүрөгүмдүн ооруганын сен кайдан сезмек элең?!

- Катын, болду көп сүйлөбө, дагы баланы багып ийчүлүгүн кара, төрөбөгөн катынга баланы ким берет, кудай бербегенди эмне кыласың? - деп сыртка чыгып кетти.

Ботодой боздогон Гүлбахар тизесин кучактап солкулдап жатты. Өзүнө көңүл салбаганы аз келгенсип кордогону өтүп кетти, врачтарга көрүнсө төрөйсүң дешет, бирок таптакыр боюна болбоду, күйөөң көрүнсүн дегенди айтса аны угуп да койбоду. Анткени ал өзү врач болгондуктан өзүнүн тукумсуз экенин билчү, аны айткысы келбей түнөрүп күнөөнү Гүлбахарга койчу. Ушундай жаны ачыганда атасыныкына кетип калды, ал антип ыйлап-сыктап жатса Сабира кызына жылуу сөз айтуунун ордуна:

- Төрөбөсөң айтат де, билимдүү акыл-эстүү эриң бар, ошону күтө албасаң эмне кылайын? - деди жүзүн үйрүй.

- Боюма болбогону үчүн мен күнөөлүүмүнбү, апа?

- Төрөбөгөн аял күнөөлүү, - Ошол убакта үч-төрт балалуу болуп калган сиңдиси Фатима ыйлап кирип келип Гүлбахарды көрүп бир аз турду да ички бөлмөгө өтүп кетти эле Сабира артынан кирди. Гүлбахардан жашыруун бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Эчтекеге түшүнбөй бозоруп отурду ал: "Эмнеге менден жашырышат, мен өгөймүнбү буларга, ушуларга келгенче Адина апамдарга барсам болмок экен", - деген ойдо туруп кетип калды. Бул сырдын түйүнүн Гүлбахар кийин күйөө баласынан укту. Самарбек бир күнү атайын келиптир, астына дасторкон жайып чай койду, Карим жок болчу, Гүлбахарды улам карап чайын ууртап отурганда:

- Самарбек, келген жөнүңдү айт, бала-чака чоңоюп жатабы? - деди Гүлбахар.

- Жатышат эже…

- Фатима экөөң урушуп-талашып калат экенсиңер, балдарыңар чоңоюп калды, мунуңар болбойт.

- Эже, ошону өзүм да билбей калам.

- Эмнеге, экөөңөр эч кимдин зордугусуз өзүңөр эле үйлөндүңөр эле, сыйлашып өткөнгө жетеби, мен бир баланын үнүнө зар болуп отурам, уул үйлөп, кыз бере турган болуп калдыңар.

- Мен Фатиманы сүйгөн эмесмин эже, Абдраимдин кызы десе сиз экен дегемин, чынын айтсам сизди жакшы көрчүмүн.

- Самарбек, сен эмне деп жатасың? - Гүлбахар таңгалганынан көздөрүн алайта карады, - Мунуңду эч ким укпасын.

- Уккан, Фатима апама айтыптыр, ал мени аябай урушту, мен эми эмне кылам, сизди унута албай жашоодо өзүмдү бактысыз жандай сезип келе жатам.

- Самарбек…

- Чынымды айтып жок дегенде бугумду чыгарып алганы келдим эже, ошондогу узун чачтуу кып-кызыл көйнөкчөн кыз алиге көз алдымда, аскерге кетип калып кайда кеткениңизди билбей калдым, аскерден келсем апам айтып калды, Абдраимдин кызына сүйлөшүп койдум деп, кудуңдап жетип барсам, сиз эмес Фатима экен, сизди сурасам эки жыл мурун турмушка чыгып кеткен деди, анан мен Фатиманы албайм деп чыктым, апам ыйлап-сыктап болбой койду…

- Сен ушунча жылдан кийин болбогонду айтып менин үйүмдү бузгуң келеби Самарбек, мындай жеңил сөздү айта турган убак өткөн, бар үйүңө, экинчи мага мындай сөздү айтчу болбо! - Гүлбахар жини келе ордунан тура калды.

- Кетем эже, мен бир кезде айталбаганды бир айтып, өкүнүчүмдү билдирейин деп келгемин, көкүрөгүмдөгү арманымды айтып бугумду жазып алайын дегемин, - деп Самарбек ордунан туруп эшикти көздөй башын жерге салып кетип баратты.

- Баланын иши чала дегендей же жаш эмессиң, Фатима менин бир тууганым, кантип оозуң барды ушуга, мага душман кылган сен экенсиң да, - Гүлбахар күңкүлдөп кала берди, бир чети ызаланды: "Апам ошону үчүн мени жаман көрөт тура, Фатима дагы көргүсү келбейт", - деп ыйлап отуруп көптөн кийин бир күч ага дем бере баштады. Карим өзүнө келип-кеткен ойношундай гана мамиле жасап бир жолу да күйөө катары эркелеп койнунда жатса дагы өзүн имерип өөп койбогондо: "Неге мени сүйгөн адам болбоду, эгерде сүйлөшкөнүм болгондо Каримге чыкмак эмесмин", - деп ойлоп калчу. Эми анын башына бир башкача кубанычтуу сезим пайда болду: "Көрсө мени дагы унутулгус болуп сүйгөн адам бар тура, неге убагында жолукпадык, балким дагы башкалар мени эстеп азап тартып жүргөндүр, демек мен сүйдүрүүгө татыктуумун", - деп көз жашын аарчып кубанычтуу сыртка чыкса Карим дарбазадан кирип келе жатыптыр.

- Самарбек эмнеге келиптир? - деди ал дароо эле.

- Фатима экөө таарыныша кеткен тура, - деди уурусу кармалгандай көзүн ала качып.

- Кандайча сенден акыл сурап калды, кабак-кашына да алчу эмес эле го?

- Апам жибербей жатыптыр.

- Анан сен аны кайрадан качырмаксыңбы?

- Апамды көндүр деп келиптир.

- Өздөрү билет, сен аралашпа.

- Айттым.

- Жакшы болот, - Экөө андан ары сүйлөшпөдү, Карим тамак ичип алып жатып алып телевизор көрүп жатты.

- Карим, ажырашалы.

- Эмнеге?

- Сен балалуу болушуң керек го?

- Өзүң болосуң, - Үңкүйө жер карады.

- Мен сени уул же кыз төрөп бактылуу кыла албайм.

- Кереги не, дүйнөнүн өзү жалган.

- Баардык адамдардын тагдырын окшош кылып койбойт экен да, мен сени алдагансып жашоодо кыйналып кеттим. Карим, адамдай жүрөгүң болсо менин ал-абалымды түшүнчү?! - деп ыйлап отуруп айтты Гүлбахар, бирок Карим үндөбөдү, анын ыйлап жатканына табасы кандыбы, айтор башын жерге салып көпкө отуруп көптөн кийин:

- Болду эми, кечке ыйлай бербей, балалуулар жыргап биз эле калыптырбызбы, кудайдын пешенеге жазганын көрөөрбүз, - деди.

- Сенин апаң деле айтат экен, агаң бала чакалуу, биз минтип соксоюп бири-бирибизди тиктеп отурабыз, мен деле баланын жытын жыттагым келет, врачтар төрөйсүң дегенден башка сөз айтпайт, сен деле текшерилсең боло?

- Токтот сөзүңдү, төрөсөң төрөбөйт белең, мага тийишпе!

- Анда ажырашалы.

- Кетсең кете бер, кармаганым жок, өзүңдөн көрбөй мени текшерткиси бар! - деп Карим Гүлбахарды колунан сүйрөп эшикке жетелеп жөнөдү, тартынып болбой жатканда кайрылып чаап-чаап жиберди, - Экинчи мени текшерил дегениңди коесуңбу? - Жиндене тээп жиберди, башын калкалаган Гүлбахар ийриле жатып калды:

- Айтпайм болду, болду тийбе!

- Мага бала-салаңдын кереги жок, экинчи бала жөнүндө сөз кылбагын!

- Болуптур.

Карим ачуусун баса албай сыртка чыгып кетти, ошол кезде Азат чукуранып ойгонуп калды, ага каралап тамагын берип, жалаягын которуп анан ойлуу бооруна кысты: "Садагам, кичинекейим десе, сен эрте энеден калсаң, мен бала көрө албай азаптамын, сен кетип калсаң кантээр экенмин, ансыз дагы менин бар жогумду ойлогон эч кимим жок, тирүүлөй өлүктүн өзүмүн, тагдырым ушул адамга байланып калып жаштыктын кандай экенин да сезбедим, өмүрүм ортолоп бара жатат, кырктын кырын ашканда кайдан төрөмөк элем", - деп көзүнүн жашы төгүлүп жүзүн жууп жатканын сезбеди. Бир кезде бала жаткан төшөктүн алдынан акча таап алды: "Муну Шухрат таштаган окшойт, ал эмнеси экен, каап жана билбегенимди кара, берсем албайт деген экен", - деп ары алып бекитип койду. Азат бу-булап ойноп, күлүп жатты, Гүлбахар ан сайын ага жалынып жалбарып жан-алы калбайт. Каримдин кайда кеткени белгисиз, ошол кезде Каримдин бир жакын иниси Бекзат келип калды, ал үйлөнө элек, жыйырма бештердеги күчкө толуп турган жигит эле.

- Жеңе, акем жокпу?

- Эшикте жүргөн.

- Көрүнбөйт го?

- Жумушуң бар беле?

- Ооба, - деп телевизор тиктеп отуруп калды, дасторкон жайып чай куюп отурган Гүлбахардын оюна бир нерсе кылт дей түштү: "Карим өзү тукумсуз болуп жүрбөсүн, уккусу келбегени ошондондур, өзү врач эмеспи, неге ушул ой башыма келбеди экен", - деп телмире отуруп калганда Бекзат тийише кетти, анткени Карим менен Бекзаттын атасы бир тууган, аскерден келгени тийишип калчу.

- Жеңе, балаңардын ата-энеси табылдыбы?

- Ооба, атасы бар экен.

- Энесичи?

- Аны өлтүрүп кетиптир.

- Жаман болгон экен, качан алып кетишет экен?

- Билбейм, баш аягын жыйнаганда алып кетет го.

- Аа-а, акем экөөңөр качан балалуу болосуңар? - деди күлгөн болуп, - Ушу акемде мандем бар окшойт го?

- Койсоңчу, укса эмне дейт? - Гүлбахар сыртты элеңдей карап калды, - Экөөбүздү тең өлтүрөт.

- Жеңе, - деди Бекзат эңкейе акырын, - Акемдики болбосо мен турбайынбы, уругубуз бир эмеспи, - деди көзүн кыса.

- Кой антпе, бар үйүңө, акең келгенде кел.

- Кубалабаңыз эми, өзүм деле кетем, - Бекзат таарынгандай тултуңдады, - Мен келгенде акем күмөн санабас чыгаар.

- Жок-жок, андай эмес… - деп Гүлбахар кайнисин карап калп жылмайды, ичинен: "Эмне экен, кудайдын парманы менен төрөп алсам жаманбы, өз убалы өзүнө, ошондой эле текшертип баратса көрөөрмүн", - деген ойго алдыра дасторконун жыйнап коюп отуруп калды. Карим ошол күнү келбеди, анын өзү жактырган бой келини бар эле, жан дүйнөсү эңшерилгенде ошого кетип калмай адаты. Бекзат эл жатканча аны-муну айтып акесин күтүп отурду, Гүлбахар жатууга орун даярдап жатканда эшикке чыгып кетти, жарыкты өчүрүп жатып алган Гүлбахардын койнуна бир убакта кирип келди.

- Жеңе, жок дебечи, өзүңө көптөн бери ашыкмын, - шыбырай ычкырына колун сойлотту, - Тез эле бүтүп кетип калам.

- Жарыбагыр десе, мени ким деп ойлоп жатасың? - Гүлбахар аны түрткөн болду, бирок күчкө толуп турган жигит ой-боюна койбой эле арыдан бери ишин бүтүрө салып шашыла кийинди да түн катып жолуна түштү.

Гүлбахардын дене-бою бир башкача жыбырап ал кеткенден кийин да эңсеп туруп алса болобу. Деги күйөөгө тийгени эркектин койнунун мынчалык кумарлуу да ырахаттуу экенин сезбептир, анткени Карим анын үстүнө чыгып да эрип-элжиреп өпкүлөгөн эмес экен. Жаш жигиттин жанталаша өпкүлөп, мойну-башына чейин аймалаганы жанын көзүнө көрсөтүп ырахатка эми батып баратканда кетип калбадыбы? "Чунак бала, мынча болгондон кийин биротоло ырахаттын даамын таттырбайт белең, акеңди келип калат деп корктуң го", - деп улутунуп алып жанында жаткан наристени шор эттире жыттап алып улутунуп ийди.

Эртеси кечинде келди Карим, үндөгөн жок, эшигинде бирдемени кармалагансып жүрүп кеч кирди үйгө.

- Тамак барбы?

- Бар.

- Алып келчи.

- Азыр, - Гүлбахар колундагы баланы жаткырып коюп анан дасторкон жайды, - Кечинде кайда бардың?

- Сага эмне кереги бар? - Күңк эте карады.

- Сурадым да.

- Жумуш бүтүрдүм, - деди үңкүйө.

Гүлбахар да унчукпай калды, ал түндөгү ырахаттуу мүнөттү кайра-кайра эстеп өзүнчө кыйнала берди, ошол бир түн анын көз жашын кургатып түбөлүк эне болуу бактысынан кур калам деген Гүлбахардын жүрөгүнө бакыт нурун чачыратып, наристе жытын жыттатаарын анда эч кимиси билген жок. Болгону сезимдин назиктиги, аялдын назик көңүлү кайрадан кайнисин эңсетип туруп алган эле.

- Ишиң бүттүбү анан?

- Эмнеге эле такып калгансың? - Ачууланып акырайып карады.

- Эрим болсоң сурабайынбы.

- Сурабай жүр, кайда барам өзүм билем.

- Мени аялдыкка алдың беле же күңдүккө алдың беле ыя?!

- Кандай ойлосоң ошондой ойло!

- Сени кудай кыйнасын, түбөлүк ушинтип кыйнагандай айбым кайсы?

- Болду, андан көрө төрөп бер, ошондо менден сый көрөсүң.

- Желден төрөймбү, жыйырма жылдап жашасак да эркектей болуп сылап-сыйпап жылуу сөз айтпайсың, топтой тоголото тээп кумардан чыгып басып кетесиң, тажадым деги ушул жашоодон, азыр бала менен алек болуп калдым, аны алып кетсе тиземди гана кучактап, көз жашымды төгүп жападан жалгыз калам го? - Буркурап ыйлап ийди.

Ошол кезде Бекзат кирди.

- Аке, силерге эмне болду?

- Жеңеңдин кыялы кармап жатат. Кел, эмне жумуш?

- Сизде жумушум бар эле.

- Айта бер.

- Өзүбүзчө сүйлөшсөк дедим эле.

- Тамак ич, анан сүйлөшөбүз, - Гүлбахарды карады, - Жиниң таркаса тамак алып кел Бекзатка.

- Ичпейм аке, тим эле коюңуз, - дегенине карабай Гүлбахар куюп келип алдына койду да баланы көтөрүп ички бөлмөгө кирип кетти.

Карим менен Бекзат бир аздан кийин эшикке чыгып кетишти, Гүлбахар күйөөсүн көргүсү келбей баратты. Карим киргенде төшөгүн салып, Азатты кучактап жатып алган эле.

Ошондон бир жума өтпөй июндун ондорунда өзбектер менен кыргыздардын ортосунда кагылышуу чыгып кетти. Токсонунчу жылдын июнунда….

Ошондогу мемиреп турган кеч кимдин эсинен кетсин, заматта тарс-турс этип, кыйкырык, ызы-чуу түшүп, өрттөнгөн үйлөр, айрыкча кыргыздардын кыздарын кыйнап өлтүрүп, боюнда бар аялдарды ичин жарып ыргытып, кырк биринчи жылкы фашисттердин аеосуз согушунан да өтүп кетти. Бирок Каримдин үйүнө бир өзбек басып келбеди, жан-жака белиндеги коңшуларынын үйү өрттөнүп, адамдары өлүп, кызыл кыргын болуп жатты.

- Азатым, сен бизди сактап калдың, - деди бир күнү Гүлбахар бооруна кысып отурган наристени өөп, наристе дагы бир нерсени сезгендей көздөрүн алайта башын төшүнө катып култуң эте күлүп койгонун кантесиң.

- Шухрат дайындаган го дейм? - деди үрпөйүп сыртка чыга албай жашынып отурган Карим.

- Ким билет, андай болбосо бизге да келмек, кудай ай, деги тынчып калса экен, элге кыйын болду го?

- Айтпа, кадимки согуш, кан жыттанып, далайы ар кайсы жакка түндөп качып жатыптыр.

- Өкмөттүн да алы келбей баш аламан болуп жатат.

- Эл тынчып калса экен, - деп оозун жыя электе эшиги тарсылдап калды, экөө бири-бирин карап нестейип калды, заматта көз алдыларына өлүм элестеп ачаар-ачпасын билбей турганда кыздын үнү угулду, Карим чыга калса тестиер он-он эки жаштардагы кыз экен. Чачтары саксайып, кийими тытылган.

Үйгө киргизип эшигин бекитип коркуп калган кызды төргө өткөрдү.

- Кайдан качып келдиң, артыңдан эч ким акмалаган жокпу? - деди Карим корккондой.

- Жок, мени өлдү деп ыргытып ийишти, атамдарды өлтүрүп кетти, - Кыз калчылдап жатып зорго сүйлөдү.

- Чай ичип алчы, же суу берейинби? - деп Гүлбахар кыздын маңдайына келди, - Коркпо, эч ким көрбөсө болду.

- Биякка келбейби?

- Келбейт. Кел, мындан ичип алчы, - Суудан жуткуруп, ичкериден халат алып чыгып кызга кийгизди, - Атың ким?

- Мукарам.

- Коркпо кызым, эч ким келбейт.

- Корком, атам менен апамды… - Кыз колдору калчылдай ыйлап жатты.

- Эмне кылабыз кызым, ушундай болот деп ким ойлоптур, бейкут жаткан элге кандай ниети бузуктар чагым кылганын ким билет, - Карим оор күрсүнө отуруп калды. Көрсө ата-энесин, агасы менен жеңесин өлтүрүп бир зөөкүрү Мукарамды зордуктап анын эси ооп калганда өлдү деп ойлоп ыргытып ийип кетип калган экен. Ата-энесинин өлгөнүн өз көзү менен көргөн кыз түнү менен жөөлүп, эти ысып таң атканча Гүлбахар карап жатты. Эртеси кечке эчтеке ичкен жок, эси чыгып калыптыр, үч-төрт күн өткөндөн кийин:

- Иним бар эле, эжем экөө кайда кеткенин билбейм, - деди.

- Чогуу белеңер?

- Ооба, коркуп тоого качып кетмек болгонбуз, күндүзү эле келишти.

- Кыргыздар келдиби?

- Жо-ок, өзбектер экен.

- Силер кыргызсыңарбы?

- Атам кыргыз, апам өзбек болчу.

- Шүмшүктөр десе…

- Эжемдерди да өлтүрүп коюшту го, эже?

- Ким билет кызым, алар да бир жерде жашынып калгандыр.

- Тирүү болсо экен, мен жападан жалгыз каламбы, үйүбүздү болсо өрттөп жиберишти, согуш качан бүтөт? - Көздөрүн жалжылдата Гүлбахарды карады.

- Бүтөт кызым, тынчтык болот, сен дагы чоңоесуң, - Мукарамды сооротуп башынан сылады, - Эжең менен иниңди табасың, өкмөт кам көрөт.

- Атамдар өлүп калбадыбы, мени зордуктап коюшту, эми кантем?

- Баары унутулат, эч кабатыр болбо.

- Унуталбайм го, атам менен апамды көзүмчө кордоп өлтүрүштү.

- Тагдыр ушундай экен да кызым, бул жакты кантип таптың?

- Мен алар кеткенден кийин туруп апамдарды карадым, аларды өрттөп ийишиптир, анан башым оогон жакка баса бердим, өрттөнгөн үйлөрдүн ичине жашындым, кеч киргенде сиздердин жарыкты көрүп келдим.

- Жакшы кылгансың, эми эртеңден баштап сени подвалга бекитейин ээ, дүкөндөр өрттөнүп, эшикке чыга албай тамак ашыбыз да түгөндү, кокус бирөө жарым келсе сени көрбөсүн.

- Макул, - Мукарам улутуна отуруп калды.

Айткандай эле эртеси алардын үйүнө беш-алты өзбек келди, Карим менен сүйлөшүп түн ичинде кайра кетти. Бирок эч нерсе дебеди. Ошентип Ош шаары будуң-чаң түшүп, өрт жыттанып турду, согуш басылып чоңдор келип элди ынтымакка чакырып, бузулганды түзөмөк болуп, качкан элди чогулта баштады. Жетим балдарды, кароосуз калгандарды убактылуу жайларга жайгаштырып кайрадан куруу иши башталып тынчтык өкүм сүрө баштаганда Азатты Шухрат туугандарын ээрчитип келип алып кетмек болду. Карим менен Гүлбахарга кийим-кече алып келиптир, эшигине аш басып ыраазылык алып анан жөнөмөк болгондо Гүлбахар аябай ыйлады:

- Каттап тургула, Азат менин дагы балам болуп калды.

- Ооба апажан, катышып турабыз, чоңойсо келип турат.

- Силерге да рахмат, өз балаңардай кылып асырап бердиңер, эми энеси өлсө да атасы бар, өз колунда өссүн, - деди агаларынын бири.

- Баламды өз балам деп дилимди, динимди бердим, мээримимди төктүм, аман болсун.

- Миң мертебе ыраазымын, - деп Шухрат колун бооруна ала эңкейип Каримдин колун кысты, - Аман болуңуздар.

- Жакшы баргыла, - деп экөө узатып чыкканда Азат Гүлбахарды карап ыйлап колдорун сунуп талпына берди. Шухрат болбой ылдамдай басып кетип жатканда чырылдап чалкалап ыйлаганда кайра артына кайрылып келип Гүлбахарга баланы бере койду эле моюндан кучактап наристе кеткиси келбегендей көкүрөгүнө башын коюп алды. Шухрат колун созо:

- Кел уулум, апаны кыйнаба, ансыз дагы апаң зорго турат, кетели, келе гой, - деди эле таптакыр барбай качып туруп алганда Гүлбахар:

- Эми уктасын, отура тургула, уктагандан кийин алып кеткиле, - деп бооруна кысып үйгө кирип кетти, эне-бала бири-бирин кыялбай үйдө көпкө кармалды, Гүлбахар өз колу менен акыркы жолу тамак берип тойгузуп, андан кийин жаткырып алып таптап күндөгүсүндөй уктатты, катуу уктаган кезде өзү көтөрүп чыгып, - Тез алып кетип калгыла, - деди да бурулуп үйгө кирип кетти. Шухрат баланы этияттап бооруна кысып алып кетип жатты…

Гүлбахар кирип эле бүк түшүп жатып калды, сырттан кирген Карим унчукпай отуруп калды, ал ушул учурда гана сезгендей болду эне-баланын сүйүүсүн, аялына боору ооруду, күнөө өзүндө туруп чындыкты айтуудан тайсалдап куру намыска жеңдирип жүргөнүн: "Ачык айтсам бекен, мен муну эмнеге кармап жүрөм, жүрөк сүйгөн адамыма жетпей калганым үчүн бул күнөөлүү эмес го, мен адам эмесмин, бир адамды гүлдөй соолутуп жатам, кудай алдында мен өз күнөөмдү мойнума алышым керек", - деп ойлогону менен көөдөнүндө бир үн аны кайраттантып: "Жок, ал сыр өзүң менен кетүүгө тийиш, билбеген бойдон калганы жакшы", - деди да туруп кетти, ал өзүн алаксытуу үчүн, көңүлүн ачуу үчүн баягы келинге бармак болуп үйдөн чыкты. Гүлбахарды сооротуп бир жылуу сөз айтып жанында болууну ойлободу. Ал кетээри менен Бекзат келди, ыйлап жатып уктап калган Гүлбахар эшик ачылганда ойгонуп кетти:

- Оо жеңе, уктап жаттыңыз беле?

- Ооба, Карим кана?

- Билбейм, үйдө беле?

- Ооба, сыртта жок бекен?

- Жок.

- Кел-кел, - Гүлбахар сыртка күүгүм кирип калганын терезенин караңгылап калганынан билип жоолугун оңдой салынып ордунан турду.

- Ушу акем сизди чанып жүрөт го, жеңе.

- Ошентсе кана, мага уруксат бергени жакшы эле.

- Ийи?

- Деги тажап кеттим, айтпай этпей жоголуп кетет.

- Балаңар кана?

- Алып кетти.

- Туура кылыпсыңар, бир сартты бага бербей.

- Койсоңчу, сартпы башкабы, бала деген бала да.

- Ошентсе да…

- Ичим ачышып зорго турам.

- Кечириңиз.

- Кеч кирип кетиптир, мен уктайм, үйүңө бар эми, Карим жаман ойлоп жүрбөсүн, - деп Гүлбахар өзүн күчкө сала айтканы менен өзү аны кетиргиси келбей турган.

- Акемди күтөм го? - Бекзат жамбаштай жатып алды.

- Баланын ойнун ойнобой барсаңчы, - Көздөрүн кылыктуу сүзүп жылмайып койду эле Бекзат тура калып кучактап калды:

- Мен сизди ушунчалык жакшы көрөм жеңе, айтчы, менден балалуу болгуңуз келеби?

- Чечек десе, акең экөөбүздү тең жайлап салсын.

- Эмнеге, өзүнүн баласы болуп калат да, биз көздөр менен гана сүйлөшүп ичибизден кымыңдап тим болобуз.

- Баланын астында күнөөкөр болобуз го, кудай кечирбейт.

- Койсоңчу жеңе, жыйырма жылдан бери акем өзүнүн ал-абалын билбей койду дейсизби, балалуу болмок тургай үйлөнө турган болуп калмак, ушу акемде го айып.

- Кой, аны укса жарылып кетет, - деп күлүп калды Гүлбахар, Бекзат аны аймалап, коюнуна колун салып, кош мамагын кармалаганда келин көзүн жумуп жиберди, - Бекзат, жөн болчу.

- Жеңе, айланайын жеңе, бойдок кайниңиздин сообуна калыңызчы! - деп арыкчырай келинди көтөрүп алып төргө басып жыгылды, - Кумарым ашып ташып баратат, баягыда шашып кетип калдым, эми моокумум канмайынча кетпейм! - деп заматта шымын чече салып ишке киришти, Гүлбахар андан ары чыдай албай калды, жигитти белинен бекем кучактап алып төшөк үстүндө кумарлуу шыбырап, төшүнөн жыттап, далысынан аткый ойдолоктоп жатты.

- Жаным ай!

- Жеңе, акем төшөктө кандай?

- Билбейм…

- Кантип?

- Ал мени сендей жакшы көрбөйт го…

- Эмнеге, анан эмнеге үйлөндүңөр эле? - Бекзат жай кыймылдап сүйлөп жатты:

- Болчу берекем, ушундай жыргалдын дүйнөдө бар экенин билбей өтүп кетмек экенмин, сообума калдың, кайним, - Гүлбахар үнүн акырын чыгарып жигиттин төшүнөн өөп койду, - Акең өзү үчүн жатабы же аял экенимди ойлоп сообума калайын дейби, эптеп бүтөт да жатып калат.

- Кайран жеңем, кайран жашты текке кетирген экенсиз да, - Бекзат эпилдете баштады, - Жактыбы жеңе, мени сиз жыргаттыңыз, тим эле жаш келиндей экенсиз.

- Кантип эле, кыркка чыгайын деп калган аял жаш келиндей болмок кайда, - деп онтолоп жаткан Гүлбахардын төшүнөн, мойнунан жыттагылап колдору менен мамагын эзгилеп ыргалып жатканда келиндин көзүнөн чаар чымын уча кайдадыр ырахаттын көлүнө сүзүп бараткандай:

- Дагы-ы, дагы-ы! - деп шыбырап жатты. Көптөн кийин гана экөө тең кара терге түшүп Бекзат Гүлбахардын үстүнөн түшпөгөн бойдон жатып калды. Гүлбахар көзүн жумуп алып Бекзаттын жан жерин сыйпалай ырахаттанып жата берди.

- Жеңе, үйдөн ээн-эркин жата албайт экенбиз, эртең акем жокто үйдөн чыгып ээн жакка баралычы.

- Кантип, билип калсачы?

- Коркуп жүрүп ансыз дагы кайран өмүрдү тозок менен өткөрүпсүз, эми коркпоңуз, көп болсо ажырашасыз да.

- Кой, жаш эмес же кары эмес орто заар учурда ажырашып эмне табам, тынч жашай берейин, эми эмнем калды дейсиң? - Гүлбахар улутунуп жиберди, - Ансыз да түндү көз ирмемсиз атырган убакыттар өтпөдүбү…

- Жеңе, мен сиздин көңүлүңүздү ачам. Мен кетейин, кокус акем келип калбасын, эртең күндүзү жолго чыгыңыз ээ, универмагдын жанына түш ченде чыксаңыз, өзүм жолугам, - деди да өпкүлөп, мойнунан жыттап кийинип чыгып кетти.

Бул кезде Карим өз ойношу менен жыпжылаңач болуп төшөктө жаткан. Үйүнө чоочун эркектин келип аялы экөөнүн махабат көлүнө чөгүп, ырахаттанып жатаары анын түшүнө дагы кирбеген, ал Гүлбахарга абдан ишенчү.

Тагдыр деген өзү адамды кээде мерез кылып санаанын сазына чөгөрсө, бирде шайыр шатман кылып, асмандагы каалгыган айга жанаштырып, бир бүркүм өмүрдүн чексиздигинде бакыттын деңизинде сүзүп жүргөн пендемин бул жашоодогу арманы жок пенде эмеспи.

Гүлбахар эми гана өзүн бактынын кучагында магдырап Бекзатка ыраазы болуп жатып уктап калды.

Карим өзү менен өзү сүйлөшүп ачык айткысы келип жатканы менен бир ойго токтой албай кыжаалат болуп үйүнө түш ченде келди. Экөө тең бири-биринен качып турчу болгон. Ортодон сөз чыгышынан тайсалдап абайлап сүйлөшөт, негедир Гүлбахар Каримдин бар-жогу менен иши жоктой, бет маңдай отуруп чай-тамак ичишкенде үнсүз тымтырс үй ичинде адам жоктой туюлат. Кайсактап тамагын ичип бүтүп Карим телевизорду караган болот, Гүлбахар үй-тиричилиги менен алектенет. Ошентип убакыт өтүп жатканда Гүлбахардын ичи бүлк этип эт тарткандай болду, селт этип кетти, ичин сыйпалап алды, ошол кезде дагы бүлк этти: "Ээ кудай, бул эмнеси, ичим тартып жатабы, же боюма болуп калганбы, кантип болуп калды, Карим укса эмне дейт", - деп ойлонуп Бекзат менен кошулган убактысын эсептесе үч айдан өтүп калыптыр. Жүрөгү зырп эте, Бекзаттын айтканын эстеди: "Жеңе менден балалуу болгуңуз келеби", - деген сөзү кулагына жаңырып, кубанычтан жүрөгү лакылдап улам катуу согуп кирди: "Эмне десе ошол десин, мен балалуу болсом болду, керек болсо баламды алып кетип калам", - деген чечимге келди, бирок өзү ишенип ишене албай көпкө жүрдү. Алты ай болгондо ичи билинбей эле толуп кеткендей көрүнүп, дене бою жазылып баратты, бир күнү кечке маал Каримдин бир тууган акеси келип чай ичип отуруп Гүлбахарды көз сала карап туруп:

- Сен келин инимдин тапканын жалгыз басып жеп жатып семирип кеткенсиң го? - деди жаман көзү менен карап.

- Арык болсом да көрө албайсыңар, семирсем да көрө албай жатасыңар го аке, менин зыянымды тарттыңарбы?

- Карим туяксыз өтөбү, төрөбөгөн соң кетишиң керек, бул дагы балалуу болсун, - дегенде Карим:

- Аке, менин жашоомо киришпей эле койгула, төрөбөсө да жашайм, - деди башын көтөрбөй отурган бойдон.

- Эмне, туяксыз өткөнгө кайылсыңбы?

- Ооба, балалуулардын жыргап кеткенин көргөнүм жок.

- Тукум улаарың болбосо жашап өткөнүң кайсы ыя? - Зафар инисин жаман көрө карады, - Ойлосоң боло.

- Сенин балдарың менин балдарым, менин тукумум эмеспи, ошол жетет аке, экинчи бул жөнүндө сөз козгобогула! - деп Карим туруп кетти эле Зафар дагы туруп сыртка жөнөдү.

- Өзүңөр билгиле, төрөбөгөн катын менен жашайт деген сөзгө теригет экенсиң да, апам сени ойлонуп карыганда азап тартты.

- Мени ойлобогула, - Карим колун шилтеп койду. Зафар унчукпай жолуна түштү, Гүлбахар узун бойлуу арыкчырай болгондуктан ичи билинген да жок, тогуз айга толуп айы күнү жеткенде балканактай уулу төрөдү эле Карим ачуусу келип төрөтканага келди:

- Гуля, сен балаңды кимден төрөсөң ошонун үйүнө кете бер!

- Эмне болду Карим, уулдуу болгонубузга кубангың келбейби?

- Кубанбайм, менден бала болбосун эбактан билем.

- Эмне-е?! - Гүлбахар күйөөсүн эми көрүп тургандай таң кала карап туруп калды.

- Ооба, дал ошондой, менден бала болушу мүмкүн эмес!

- Карим, мен ишенбей турам, мен желден төрөдүмбү анан?

- Жинимди келтирбе, андан көрө балаң менен кошо жогол! - деп терс бурулуп кетти. Гүлбахар бир аз ойлонуп туруп калды да палатасына кирип быйпыйып уктап жаткан уулун телмире карап отуруп: "Мейли, балам болсо болду, менин өмүрүм-жашоом ушул, бактым ырысым ушул", - деп эңкейип өөп алды да керебеттин четине отуруп калды.

- Эже, күйөөңүз келдиби? - деп сурап калды жаш келин.

- Ооба.

- Карыганда төрөсөңүз аябай кубангандыр ээ?

- Айтпа, кубанып жатат, - деди Гүлбахар ойлуу.

- Сиздин маанайыңыз пас болуп калды да?

- Кубаныч дагы адамды чөгөрүп коет тура сиңдим.

- Ырас элеби?

- Абдраимова, - деп акушерка палатага баш бакты, - Балаңды алып бери келчи.

- Макул, - деп Гүлбахар уулун көтөрүп алып акушерканын кабинетине кирди.

- Кан алабыз баладан, күйөөң текшертмек…

- Эмне?

- Ошондой, өзү тапшырмак болду, эмнеге минткенин билбейм, - деп акушерка наристенин ороосун чечип анализ алды да кайра кетирди.

Арадан бир жума өтүп үйүнө чыгып келген Гүлбахар баарына башын байлаган, тобокел деп кайыл болуп күтүп жатты. Бир жумадан кийин түшкө жакын уулун эмгизип кыңкайып жатса Карим күлмүңдөй колуна кагаз кармап кирди.

- Гүкү, мени кечир, өзүмдүн эле балам экен, мына карачы, анализи дал келди! - деп отура калып наристени колуна алып бетинен өптү, ушу күнгө чейин колуна алган эмес эле, - Уулум менин, тукум улаарым, көрсө медицинада деле жаңылыштык болот тура, мен таптакыр ишенип алгамын, - деп көзүнүн жашы куюлуп ыйлап жатты, - Ыраазымын Гүкү, сага ыраазымын, жалгыз башымды эки кылдың, куу башымды май баш кылдың, - деп жаш баладай ыйлап жатты.

- Кой эми, туулганына эмес тураарына сүйүнөлү, мен өзүм да билбей калдым, боюма болуп көрбөсөм түшүнбөй да, ишенбей дагы калдым, - деди Гүлбахар токтоо, ичинен кыжаалат болуп турганын билгизбей тим болду.

- Ооба-ооба, аман болсун, атын Амантур коелубу?

- Макул, атасы сен билесиң да, али атын ойлогонго алым келбей да калды, сен ошентип турсаң оюм келеби?

- Кечир Гүкү, жаңылдым жаздым, өз канымдан жаралганына күмөн санадым, сенин жүрөгүңдү ооруттум, ишенсең өзүмө таңгалып калдым, көрсө кээде ошондой кубулуш боло берет окшойт, болду эми, ушунун жамандыгын көрсөтпөсүн, - Карим бакылдап Гүлбахарды кучактап өөп, бооруна бекем кысып биринчи жолу дили менен берилип кучактап турганына Гүлбахардын ичи жылый көзүнө жаш тегеренип кетти.

- Сенде эмне күнөө, ишенип алгансың да, көп эле толкундана бербе, баланы жаткырайын, коңшу-колоң кирип калса уят, нан-пан жасайын.

- Жо-жок, сен отура бер, жеңемдерди алып келем, бир кой союп жээнтек берем, - деп Карим сыртка чыкты, Гүлбахар көңүлү жайлана кыңкайып жатып алды: "Кудайым, мени кечире көр, никелүү эримдин көзүнө чөп салып уул күттүм, өзүң жасаган пендеңмин, наристенин үнүн угузганыңа ыраазымын жараткан, уулумду ырыс-кешиктүү кыла гөр", - деп ойлонуп жатты. Көп өтпөй Карим ага-жеңеси, эки карындашын алып келип калды. Дал ошол күнү алардын кубанычына тең орток болуп Шухрат Азатты алып келип калды. Гүлбахар тура калып баланы алып өпкүлөп кирди:

- Ак жолтоюм, сен биздин үйгө келип үйүбүзгө өзүңдөй наристе алып келдиң, - деп көзүнүн жашы куюлуп турганда абысыны Адалат аны тыйды:

- Кой Гүкү, көп эле ыйлай бербе, Азаттын дагы апасы болуп калдың, минтип Шухрат силердин уулуңарды көргөнү келиптир, - деди.

- Ыйлабайм жеңе, чыдай албай кетпедимби.

- Адам бардаштуу болгону жакшы, кудайга шүгүр, минтип жаман уулдуу болуп отурасыңар, - дегенде чай куюп отурган Бекзат менен Гүлбахардын көздөрү чагылыша түштү. Эч ким эч нерсени сезген жок, анткени Бекзаттын ата-энеси дагы келген, Каримге жардам берип кой союп казанга салып коюп анан чайга отурушкан эле.

- Ооба Гүкү эже, Азаттын да апасы болуп калдыңыз, сизди абдан сыйлайм, Азат силердин койгон атыңар, өзүбүз койгон ат Раимжан, мен силерге Азатты тез-тез алып келип турам, бул уулуңуздун көрүндүгү, - деп Шухрат Гүлбахарга беш жүз сом сунду, - Мени уят кылбай алып коюңуз.

- Тим койсоң болмок Шухрат, сен менин инимдей эле болуп калдың.

- Ооба эжеке, уулумду үч-төрт ай өз энесиндей карап турдуңуз, ошондо сизге кудайдын боору ооруган экен, мен дагы сиздин балаңыз жок экенин укканда өзүмчө тилек кылгамын, - деди Шухрат. Шухрат баланы алдына кайра алды эле ал болбой "апалап" Гүлбахарды көздөй там-туң басып жөнөдү, сүйгүнчүктүү көздөрү бакырайган наристени баары карап эркелетип жатты, Гүлбахар аны ала койду:

- Каралдым менин, апалаган тилиңден садагам!

- Апасын таанып калганын кара, кел Азат, мага келчи, - деди абысыны Адалат эки колун суна, - Кел, келе гой.

- Апага барасыңбы? - деп Гүлбахар жылмая Азатты карады, наристе култуң этип Гүлбахардын көкүрөгүнө башын катты. Ушунун баарын көрүп отурган Бекзат өзүнчө корстон болду: "Жеңемди бакытка бөлөп балалуу кылган мен, каныбыз бир эмеспи, менин бир тукумумду агама белек кылдым", - деп ойлонуп эшикке чыкты. Каримдин кубанычы койнуна батпай чечекейи чеч боло сүйлөп жатты:

- Мен балалуу болуудан үмүтүмдү үзүп койгомун, Азатым келгенде бизге бир кут кирген экен, минтип үйүбүздөн наристенин үнү чыгып базарга айланды.

- Кудайдын көзү түз экен бала, экөөң тең кыйын экенсиңер, тиги Мукарамдын да жолу жакшы экен, эми силердин эки уул бир кызыңар бар, - деди Адалат элдин этегинде ар кимисин бир карап отурган кызга ээк кага, - Мукарам дагы ак жолтой болду.

- Ананчы, Азатым менен Мукарам үйгө киргени бизге бакыт алып келбедиби.

- Ошону айтсаң, эмнеси болсо дагы кут кылсын кудай, - деп шыпшынып койду Бекзаттын апасы.

Аңгыча колго суу куюлуп эт тартылды, коңшу-колоңу дагы келди, бака-шака түшүп наристеге узун өмүр, бак таалай каалап түн бир оокумга чейин отуруп тарашты. Бирок Карим сыртынын кубанганы менен күдүк ой жүрөгүн эзип кайрадан түнт болуп мурунку абалына келип калды. Наристенин үрөйү күн өткөн сайын башка бирөөгө окшошуп бараткансып терс ойлор мээсин көзөп өтөт, өзүн алаксытмакка ойношуна барып эки-үч күндөп жоголчу болду. Гүлбахар анысын тоготуп да койбойт, келсе келдиңби деп койбойт, уулу менен алек, аны менен кадимкидей сүйлөшүп отура берет.

Убакыт өткөн сайын уулу чоңоюп Азат келгенде экөө ойноп калат, Шухрат дагы тез-тез алып келип турат, ошентип эки бала катар өсүп экөө тең Гүлбахарды апалап жармашып чоңоюп мектепке да бара турган болуп калды. Амантур менен Азаттын ортосу бир жарым жаш эле, бир класска кирип окуп калышты. Карим кийинчерээк Азатты жактырбай калды, Азат айрыкча Гүлбахарды жакшы көрөт, күнү кечке Амантур менен ойноп кээде үйүнө кетпей дагы калат. Бир күнү Карим:

- Гүкү, бул жерден кетеличи, ушул баладан алыс кетпесек болбойт, бара-бара биздин үйбүлөнүн бир эле мүчөсү болуп баратат, - деди.

- Эмне болмок эле, эмчек сүтүмдү бербесем да мээримимди берип аз да болсо баккамын, Амантурду ошол бала болбосо көрөт белек, кудай билет.

- Кудай болуп кетиптирби, атасы да жакпайт мага.

- Сага анын эмне кереги бар, баланы мен жакшы көрөм.

- Эмне, аны жактырып калдыңбы, балким ошондон төрөгөндүрсүң? - деп жинденип кетти Карим.

- Олда кудай ай, деги арам ойлуу адамга арга жок экен го, сен кетсең кете бер, мен өзүм туулуп өскөн айылымдан кетпейм.

- Кетесиң, мен сени бул жерге калтырбайм.

Экөө акыйлашып көпкө турушту, акыры үйүн сатып биротоло шаарга кетишмек болду. Гүлбахар апасына барып болгонун айтты да үйүн сатууга коюшту, агасы каршы болсо ага дагы көнбөдү, Карим эч кимдин сөзүн укпай үйүн биринчи келген кардарга сатып жиберип өзү барып үй таап келди да кайра келип көчүрүп кетти, Мукарам алар менен бирге кетти, Гүлбахардын колуна кол болуп калган, ал кызга жаман айтпайт, ою менен болот, бирок Мукарам абдан зээндүү, жоголгон иниси менен эжесин көп ойлойт, бойго жетип калды, мектепке окутуп бүтүрдү, ошол жылы Мукарамды оштук жигит ала качып кетти, бардар жакшы жерге барды, күйөөсү көзүн карап турат. Амантур дагы чоңоюп эркелиги калып эс акылына кирип калды. Ал кез-кезде Азатты сурап калат, анда Гүлбахар ичинен сагынып жүргөнүн айта албай баш ийкеп тим болот…

Карим шаардын четинен үй алып жайгашып алгандан кийин өзү аптека ачты да иштей баштады. Кылдырап эртең менен үйдөн чыгат да кечинде келет, бир күнү үйүнө келсе Гүлбахар ага минтти:

- Карим, Самар келиптир!

- Эмне? - Карим саамга аялын карап туруп калды.

Самар анын бала кездеги сүйгөн кызы болчу, белгилүү акын агасы бербей койгон, ал дагы Каримди катуу сүйгөнбү, турмушка чыкпай калды, азыр ал да, Карим дагы алтымыштан ашып турмуштун ачуу-таттуусун татып калган кез, ошентсе дагы жүрөгү мыкчыла жүрөк сүйгөн адамынын атын укканда селт этип алды.

- Чоочуп кеттиң да, мени билбейт дейсиңби, эми жашыргыдай ташы калдыбы? - деди Гүлбахар күйөөсүн ээликтей, - Бир аял деп өмүр бою мени тул калган катындай томсортуп муздай кучагыңа тоңдурганың жетишет, ооруп врачтарга көрүнгөнү келиптир.

- Келсе келгендир, - деп койду Карим, ушул азыр аны менен акыйлашкысы келбеди, уулу Амантур жыйырмага чыгып оорун колдон, жеңилин жерден алып калган. Бүгүн эртең үйлөнө турган кез, анан Карим эмне дейт, түнөрө кайра эшикке чыгып кетти: "Аттиң аа-а, тагдыр маңдайга эмнени жазса ошону көрөт тура чиркин. Самар деп жүрүп өмүрүм күүгүмдөп барат, кана эми бир жолу жолугуп өткөндү эстеп бир отурсак, караанын бир көрсөм", - деп күрсүнө ажаткана жакка басып кайра келди. Гүлбахар баласы эшикте жүргөндө айта салган, Мукарамдын баласын багып жүрөт, аны өз эле баласындай көрүп калышкан эле.

- Кайда, качан келиптир? - деди балдары жаткандан кийин Карим.

- Келген имиш, кайда, качан келгенин билбейм.

- Ким айтты аны сага?

- Тоту айткан кечээ.

- Ии-ии, - деп койду Карим: "Аттиң жаш чагым болсо эмне, бир издеп таап жолугуп, өткөндү эскерет элек", - деп дагы ойлонуп алды.

- Сен бактылуусуң, Карим, - деди Гүлбахар көптөн кийин.

- Эмнеге?

- Сүйүүнү баштан кечирүүнүн өзү бакыт эмеспи.

- Эмнеси бакыт, - деп коюп ары бурулду Карим.

- Өмүр бою бир адам деп айланаңдагыларга көңүл бурбай ошонун элеси менен жашаганыңчы.

- Койдум эми, карыганда суракка албай.

- Суракка алганым жок, чындыкты айтып жатам.

- Ошондо ушинтип сурасаң төркүнүңө жетелеп жеткирип салмакмын, - деди кайра.

- Мага да ошол керек эле учурунда, жашоодон кечүүгө чейин алып келгенсиң.

- Эмнеге унчукпадың, күйөөсүз калам деп корктуңбу? - деди күлө Карим бери бурула.

- Эмнени ойлогонумду билбейм, бирок күйөөдөн чыгуу уят деп ойлонуп намыстанып жүрдүм окшойт го?

- Ээ кемпир, эми а деп, бу дегенде эмне, баары өткөн, кеткен… Кой эми өкүнбө, бир уулду мага жамап салып кыйын экенсиң, мен акмакмын да, анализге алданып калбадымбы, кийин канча ирээт текшертсем дагы менде бала болууга эч кандай далил жок болуп чыкты, эми Амантур укпасын, кемпир, - деп калтыраган колу менен Гүлбахарды кучагына тартты.

- Ары жатчы, жалындуу кезде жакшы сөзүңдү аяп, аялуу-аруу сезимимди муздай катыргансың, эми денемден жылуулук кетип, катар-катар тырыш басып шалбыраган кезде сенин мага эмне керегиң бар? - деп Гүлбахар терс карап кетти.

- Мейли, баары бир өзүмдүн катынымсың да.

- Сенин катының болбой калгамын, Амантурга эртең бүт айтамын да балам экөөбүз сенден кетебиз.

- Эмне дейт кудай урган, карыганда өч алгың келип жатабы?

- Ооба!

- Кой кемпир, Амантур азыр жаш, анын дагы жүрөгү ооруйт, орто жолдо чайналат, - деп болбой эле тарамыш баскан колдору менен аялын өзүнө тартып карыса да өзүнө каратты, - Бөрү карыса бир койлук дегенди билесиңби? - Күлүп өпкүлөп жатты.

- Кудай сакта-а, сен күчкө толуп калгансың го? - деп Гүлбахар кыңкыстап кирди, - Бу сен мени Самар деп ойлоп жаткан жоксуңбу? - Кыт-кыт күлдү.

- Ушу сенин кылыгыңды байкабаганымды кара, - Карим ого бетер теминип кирди.

- Болду ай, Бакыт ойгонот.

- Акырын эле, мына азыр бүтөм.

- Бүтпөй кал, акырын эмет.

- Жагып жатабы, жаным?

- Ой тообо-о ай, жаным дедиңби?

- Ооба, эмне экен?

- Кыз кезимде кыткылыктаткан жок элең, кызыгыма баткан жок элең, жолдогу катынга баргандай басып кетчүсүң, сенде деле сезим, каалоо бар экен го, мен азыр башка эле бир эркек менен жаткандай туюп жатам өзүмдү. - Гүлбахар ызалуу айтты. - Жашыңдагы кубатыңды, махабатка толгон жакшы сөзүңдү башкаларга арнадың, картайып алы-күчүң кайтканда карайлап турганыңбы?

- Койсоңчу, өткөндү козгобой, түбөлүк өзүңдүкүмүн го?

- Убагында коюнуңда жыргатпагандан кийин эмки жалынганың курусун, кан койнунда калтыраганча кул койнунда кутур дегендай, сенден көрө бир койчуга тийгенимде көкүрөгүмдө ачуу арманым жок жашап өтмөкмүн.

- Ушунчалык да өктө таарынчың барбы? - Карим шалдая жатып калды, - Колуңдан келсе кечир, ал кезде мен дагы тагдырыма таарынып жүрбөдүмбү, көрсө жаштык дегениң азоо аттай алып учуп, бирде учуп, бирде жайлап өтүп кеткенин байкабай калат экен да.

- Адам өзүн ойлоп башканы ойлобойт тура, менин эзилип жашап, эрим бар туруп жалгыздыктын мейкининде санаанын сары жибин чубап канча түндөрдү өткөрбөдүм, не менин адам экенимди унутуп үйүңдө бир устун жаткандай көрчү белең?

- Кемпир, картайганда кайым айтышпайлы, баары келип жүрөктүн иши, жүрөк кургур тынч ала албай көзүмө башка адам көрүнбөсө кантем? - деп Карим Гүлбахарды ийинден алды, - Кечир мени, жаш кездеги махабаттын кулу болдум…

- Мен дагы бирөөгө сүйдүрүп, бирөөнү сүйүп жашоого акым бар эле го, ата-энемдин көөнүнө карап сага чыгып алып азап менен өткөрдүм бир өмүрдү, эгерде кайрадан жаралчу болсом ушул каталыгымды оңдоор элем, өзүм каалабаган адамды карап өтмөк эмесмин, айла канча, андай күн болбостур ээ? - Гүлбахар оор үшкүрүнүп ийди.

- Кабатыр болбо, калган өмүрүмдү сени сүйүп өтүүгө сөз берем.

- Оо жараткан, эмки сүйүүңдүн кайсы жыргалы бар дейсиң, көңдөйлөнүп чирип калган жаңгактай ичи жок, сыртың бар…

- Андай эмес, эмки сүйүү бизди бакытка бөлөйт.

- Алаксытканыңа да шүгүр, бирок тоңгон муз жүрөктү минтип жибите албайсың Карим, кечээ күнү Самардын келгенин угуп өңүң өзгөрүп кетти, баары бир жүрөгүңдүн тереңинде башка бирөөнүн жашап жатканын кантип билбейин, аны элестетип дагы башка аял менен жүргөнүңчү, мени билбейт деп ойлосоң жаңылышасың, баарын сезип, туюп туруп жүрөктүн эзилгенин билсең да билмексен болчусуң да, Карим.

- Жо-жок Гүкү, мен ошону ойлобопмун, тек сени өз аялым, кайда бармак эле деп жүргөмүн го, анткени сен мага Акылкарачачтай акылман аялдай көрүнчүсүң, сенин башка аялчылап кетип калбасыңды билгемин, - Карим тарамыштуу колдорун Гүлбахардын белине ороду, - Аттиң, кайрадан жаштыгыбызга келип калсак баарын башкача баштайт элек, өткөндүн баарын эски кийимдей күбүп салабыз, мындан кийин сени гана угам, өткөн каталыгымды жууп сенин алдыңдагы көп күнөөмдү мойнума алам, - деп аймалап кирди.

- Кари-им, жаш кезде көрбөгөн кылыгымды эми көргүң келеби?

- Сөзсүз көргүм келет, - Карим аялын кучактап эркелетип жатты. Гүлбахар аял эмеспи, аргасыз күйөөсүнүн эркинде болду, таарыныч ушул жашында эркектин ырахатынан куру кала элегин көрсөтүп жатты. Ошентип Карим аялынын ич күптүсүн угуп боору ооруганынан аз да болсо көңүлүн көтөрдү, өзү дагы көптөн берки черин жазып, кара терге түшө жатып калды. Эртеси жумушуна келип Самарды ойлонуп жатты: "Самар, кайда жүрөт болдуң экен, ушул кезде бир жолугуп чер жаза сүйлөшсөк кандай гана болоор эле, мага жакчу жоодураган көзүңдү үн-сөзсүз бир карап тилден калсам да мейли эле жыргалым, жашоомду сен деп жүрүп кызыксыз өткөрүп жибердим", - Оор күрсүнүп алып кырк жыл мурунку, жыйырма беш, жыйырма алты жаштагы кези эле…

Карим мединституттун экинчи курсунда окуп жаткан, сабактан чыгып келе жатып окуу жайдан узап баратып бак ичиндеги отургучта отурган үч кыз аны көрүп "шыңк-шыңк" этип күлүп калышты.

- Кыздар, менин бир жерим көрүнүп жатабы? - деди Карим токтой калып жылмая.

- Сизге күлгөн жокпуз, - деди ортодогусу дептери менен оозун жаба шыңкылдап күлүп.

- Күлкүңөр жагып калды кыздар, чогуу күлсөк кантет?

- Жок-жок, жолуңуздан калбаңыз.

- Кечээкиден калган жумушум жок, ансыз дагы зеригип турдум эле, - Карим жакындай басып келди, - Адегенде таанышып алсак, - Колун сунду, - Карим Юнусов.

- Гүлнара.

- Айсулуу.

- А меники Самар, - деп акырында колун сунду Самар.

- Аттарыңар өзүңөргө жарашкан сулуу кыздар экенсиңер, кана эми, күлкүлүү сөзүңөрдөн баштагыла, чогуу күлөлү, - Карим кыздарга жылмая карады, - Көптөн бери күлө элек элем, - Тамашага чалды.

- Эмнени сүйлөмөк элек, - Самар дагы эле кыткылыктап күлүп курбулары менен нукушуп жатты, көрсө Каримдин шымынын сыдырмасы ачылып калган экен, ал анысын байкабай эле сүйлөй берди.

- Кайсы окуу жайда окуйсуңар кыздар?

- Пединститутта, а өзүңүзчү?

- Мединститутта.

- Оо, врач турбайсызбы, келечектеги дарыгер экенсиз да.

- Дал ошондой, а силер билим кенин казчулардан экенсиздер.

- Ошондой, кыздар, кеттикпи? - деп Самар өйдө болду.

- Кетип каласыздарбы, бир аз отуралы, - Карим Самарга жал-жал карады.

- Отура бериңиз, биздин убактыбыз бүттү, кош болуңуз, көрүшүп калаарбыз, - деди Гүлнара.

- Көрүшкөнчө!

- Жакшы калыңыз, - Самар дагы бырс эте күлүп үчөө жолго жөнөштү.

Ошол убакта жылмая башын кашылай кыздарды узата карап кайра ылдый көз жиберген Карим шымынын бүчүлүгүнүн ачылып турганын көрүп өзүнөн-өзү уяла түштү: "Көрсө кыздардын күлкүсүндө кеп бар тура", - деп ойлонуп ордунан турду, ушул учурда Самардын элеси көз алдына келип өзүнчө кубанып алды: "Мен издеген кыз, таптым жүрөгүмдүн ээсин, сөзсүз сага жетем Самар, сенден эми эч качан көзүмдү албайм, өмүр бою менин жанымдын жартысы болосуң, эрке талтаң күлкүчү кыз", - деп көңүлү эргий кетип баратты. Адам башына эмес жүрөгүнө баш ийет дешет, анын сыңарындай Каримдин жүрөгү алып уча толкунданып үйүнө келди, мындайыраак туугандарынын үйүндө жүрүп окуп жаткан. Ал кирээри менен Расул агасы:

- Ийи студент, окуу кандай? - деди.

- Баары жайында.

- Отур тамактан, кардыңды тойгуз.

- Азыр, жуунуп келейин аке, - Карим көңүлдүү кыңылдай ваннага кирди, көз алдынан кетире албай кудуңдай кубанып жуунуп жатып дагы Самарды элестетип көзүн жума жылмайып алды: "Мен сага жетем, Самар", - деп үнүн чыгара айтып алып эки жагын карап чоочуп кетти да кайра дагы өзүнчө жылмайып алды. Көпкө жуунду, анан тамактанганы отурду:

- Чөнтөк кандай студент, жолуңа тыйының барбы?

- Бар-бар, апам акча берип ийиптир.

- Эң жакшы, үнөмдөй бил, сендей кезде мен жатаканада жашап каткан нанды кемирип окугамын, жеңемди кыйнай бербе, рахмат де, тапканын сага салып окутуп жатат.

- Ооба аке, мен анчалык жок кылбайм, - Расулду карап күлүп койду, - Үнөмдөгөндү билем, аке.

- Азамат, беш жылдан кийин бакыйган врач болосуң.

- Буйруса аке.

- Окусаң акыбетин көрөсүң иним, билимдүү миңди, билектүү бирди жыгат дегендей келечегиң алдыда, - Расул дагы көп акыл-насааттарын айтып отурду, жаш кездеги студенттердин жатаканадагы окуяларын, бири-биринин кийимин кыздарга кийип кетип калчу убактарын айтканда Карим күлүп калат.

- Эмнеге андай, өздөрүнүн кийимичи?

- Ой ал кезде бир кийимди үтүктөп кийчүбүз, кээ балдар эптеп окууну бүтүшкөн, эми бакыйып үстөл кучактап отурат, кээде жолугушканда эскерип алып күлүп калабыз, - Расул дагы күлүп койду.

- Кызык экен.

- Сен азыр жыргал заманда жашап жатпайсыңбы.

- Сиз барсыз да.

- Тууганбыз иним, деканыңа дагы катуу дайындагамын.

- Рахмат аке, мен эми эс ала берейин.

- Бар эс ал, сабагыңды жакшылап оку.

- Жарайт, - Карим өзү жатчу бөлмөгө кирип кетти, кайрадан Самар оюна түштү: "Кай жерлик болду экен, кайдан болсо ошол жактан болсун, мага жакса болду", - деп керебетке жатып алып да ойлонуп уктай албай ооналактап жатып көзү илинди. Эртеси эрте туруп кийимин үтүктөп кийип, чачын тарап кайра-кайра күзгүгө каранып анан үйдөн чыкты. Түшкө чейин сабактан чыгып кечээ кыздар отурган бакка келип ары-бери басып элеңдей эки жакты карай берди, бирок кыздардын карааны көрүнбөдү, шаабайы сууп кабак чытый: "Эртең пединститутка барып жолугам", - деп ойлонуп алды да жай кадам таштап бариктерди шатырата кетип жатты: "Ушул бойдон көрбөй калсамчы", - деп ал оюнан өзү коркуп да кетти. Карим Самарды бир көрүп сүйдү, сүйгөндө да кан-жаны менен сүйдү. Бир жумадай жолуга албай сабакка көңүлү келбей келди-кетти болуп жүрүп аябай кыйналды. Ошол күнү дагы пединституттун алдына келип элеңдей чыгып келе жаткан улан-кыздардын ичинен Самарды издеп жаткан, Самар эки курбусу менен баягы адатынча каткырып күлүп келе жаткан, Карим жете келип учурашты:

- Кандайсыңар, кыздар?

- Жакшы, сизди бул жакка кайсы шамал айдап келди? - деп Самар күлмүңдөй караганда Карим:

- Силердей сулуу кыздар айдап келди, - деди жылмая. - Көрүнбөй кеттиңер го?

- Кайдан издедиңиз?

- Аяктан да, бияктан да.

- Анчалык эмне зарыл болду экен?

- Достошкум келген, - деп Карим уурусу кармалгандай тайсалдап кетти, - Силер менен достошоюн деп издедим.

- Жарайт, биз дагы, - деп Гүлнара күлүп калды, - Деги эле жигиттер менен достошконду мен дагы жактырам.

- Мен дагы, - Айсулуу Гүлнараны коштоду.

- А мага жакпайт, - Самар чукчуңдай ары бурулду.

- Аа-ай, агасы акын да мунун, дегеле эч нерсе жакпайт.

- Айрыкча эркектер менен достошкон.

- Самар, кайсы акындын карындашысың?

- Мамытбектин.

- Аа-а, Мамытбек Амановдунбу?

- Ооба да, ошонун эрке карындашы.

- Ой, анда биз жактан турбайсыңбы?

- Сиз дагы Оштонсузбу?

- Ананчы, анан да достошпойм дейсиң, - Карим күлө кол сунду, - Кана достошобузбу? - Көзүн кысып койду.

- Мен достошом, - Адегенде Гүлнара колуна колун койду.

- Мен дагы, - Айсулуу адатынча Гүлнараны коштоп анын колунун үстүнө колун койду, - Кана Самар, биз менен биргесиңби?

- Самар, жалгыз калба-а, - Гүлнара сол колунун сөөмөйүн чычайтты.

- Бол Самар.

- Жарайт, мен дагы силер мененмин, - деп Самар алардын колунун үстүнө колун койду, - Достоштук эмесе.

- Ур-рээ! - Эки кыз жарыша кыйкырып Самарды эки жагынан колтуктап алышты, - Кана, кайда барабыз?

- Кыздар, мен силерди ашканага киргизейин, анан бир азга сейилдейбиз, кандай дейсиңер? - Карим кыздарга карады, айрыкча Самарды сырдуу жылмайып карап калды. Ээрчишип алып ашканага киришти, Карим төрт порция тамак алды, чогуу тамактанган соң сыртка чыгып бак аралап басып жүрүштү. Карим ушул бүгүн кыздардын жанында жүргөнүнө эле курсант болду, чынында ар бир мезгилдин өз мыйзамы бар эмеспи, ал кезде кыздардын колун кармоо өзүнчө эле машакат эле, көрүп койсом көөнүм ток дегендей эле жанына жолоо кыйынга турчу. Кечке бирге жүрүп анан коштошушту, кыздар ары жылаары менен эле Карим башындагы кепкасын алып асманга ыргытып тосуп алып көк чөпкө жата кетти, чөптөр саргайып, бариктер кеч күздөгү биринчи жааган кардай сампарлап учуп түшүп жаткан убак, мелтиреген көк асманды карап алып көпкө жатты: "Самар, сен меники гана болушуң керек, менден эч ким тартып ала албайт", - деп ойлонуп алып турду да үйүн көздөй жөнөдү.

Эртеси болжошкондой бактан жолугушту, күлүп-жайнап учурашкан соң Каримдин эки көзү Самарда болуп жатты.

- Самар, канча бир туугансыңар?

- Үчөөбүз, агам жана мен, кичүү иним.

- Жакшы экен, Мамытбек аке бул жактабы?

- Ооба.

- Сен акең менен турасыңбы?

- Ооба, - Самар аны жактырбагандай кыска-кыска жооп берип жатты.

- Самар, эртең экөөбүз жолукпайлыбы, - деп берки кыздарына угузбай шыбырады.

- Болбойт, окууну бүткөнчө бир дагы жигит менен сүйлөшпөйсүң деп акем күндө айтат.

- Эмнеге, сен эми бойго жетпедиңби?

- Мен аларга али он жашардаймын.

- Эрке болсоң керек?

- Айтпа, апам мени жалгыз кызым, жалама тузум деп эркелетет, - Самар күлүп калды, - Мени дале кичинекейим, көпөлөгүм дей берет.

- Бала ата-эне үчүн ошондой болот экен да, ал эми ата-энени биз кадырлай албайт экенбиз, - Гүлнара сөзгө кошулду.

- Самар, жүрү басып келебиз, - Экөө бөлүнө басышты.

- Кайда?

- Бак ичине эле.

- Чогуу барбайлыбы?

- Жарайт, бирок бир мүнөткө эркин болсокчу?

- Кыздар таарынып калбасын.

- Түшүнүшөт да, курбусун алар дагы түшүнүшү абзел, бирок аларга түшүндүрүп коесуң, - деп Карим кызды жандай басты.

- Эмне оюңуз бар? - Самар Каримди кыя карады.

- Сени бир көрүп жактырып калдым, ошондон бери бир сезим жанымды жай алдырбайт, түнкүсүн уйкум качып, сабакта отурсам китеп менен дептерден сен гана көрүнөсүң, Самар.

- Кызык экен, - Самар келбээрсий боюн көтөрө карап кашын серпе жылмайды.

- Сен үчүн балким тамашадыр Самар, бирок чынында мага убал болду, мындай сезимди башымдан өткөрүп көрбөптүрмүн, - Карим кыздын алдына өтүп колунан кармады, - Бул кандай сезим, Самар?

- Кайдан билем, мен андай сезимди билбейт экенмин.

- Балким сүйүүдүр, кыскасы сени көрбөсөм жаным жай албайт, не кылаарымды билбейм, сени көргөндөн баштап ооруга чалдыктым, Самара, - деп Самардын колун кое бербей сүйлөп жатты, кыз таңгалгандай жигитти мыскылдагандай күлүмсүрөп карап турду, - Самар, менин жүрөгүмдүн ээси бол, түбөлүк жанымда тирегим, колумдагы бажырайган кызыл гүлүм бол! - деп тизелей отуруп калды, - Суранам, Самар.

- Кызык экенсиз, бир көргөндө ушундай сезим болууга мүмкүнбү?

- Өзүм да түшүнбөйм, ошол күндөн бери ойлогонум сен гана, ишенчи мага, Самар.

- Жок-жок, мындай кылбаңыз, туруңуз өйдө, элдер көрүп жатат, уят эмеспи, - Самар кыпкызыл болуп эки жагын карана колун бошотууга аракеттенди, - Кое бериңиз, туруңуз өйдө.

- Сен мени таштабайм деп убада бербесең кое бербейм.

- Айтуу кыйын, сизге кантип сөз берем?

- Сенсиз мен өзүмдү элестете албайм, Самар.

- Биз дос болдук, жолугушуп турабыз, мен эч кимге көз каранды эмесмин да, билсеңиз мен өзүмдү эркин учкан куштай сезем.

- Ооба, сен эркин кушсуң, менин кушум бол, коно турган тууруң мен болоюн, суусасаң өзөндөгү шаркыраган сууң болоюн, Самар!

- Туруңуз, анан сүйлөшөбүз, - деп дагы уяла эки жагын карады, ушул учурда Гүлнара менен Айсулуу ары жакта байкап турушкан. Карим өйдө болуп тизесин кагып экөө ээрчише орундукка отурган кезде алар басып келишти.

- Ой-бо-ой, бу силер Ромео-Джульетта болуп кеттиңер го?

- Бир көргөндө сүйүү пайда болгонбу дейм?

- Койгулачы кыздар, кайдагы сүйүүнү айтасыңар, жөн гана убактылуу өтүп кетчү нерсе го, Карим башкача түшүнүп алса керек, - Самар кызара курбуларына кайрылды, - Бул оюн экенин түшүнгүлө, биз оюн аткарып жатабыз ээ, Карим? - Каримди жылмая караганда капкара көздөрү күлмүңдөй жигиттин жүрөгүн солк эттирди, тыз этип ачыша түштү.

- Кыздар, - деди Карим, - Мен Самарды сүйүп калдым, өзү кабыл албай жатат.

- Албетте кабыл албайт, сиз кечээ бир көрүп эле бүгүн сүйөм, күйөм деп жатсаңыз ким ишенет? Жигиттердин амалы толтура, артынан жүгүрүп жүрүп жетип алган соң бат эле сууп калып кайра дагы башкасына жалынып жалбаргандардын бири окшойсуз? - деп Гүлнара Каримди тикирейе карады, - Сүйүүнү сыйлай билгилечи деги, махабаттын азап-тозогуна күйүп, жыргал-кууралын баштан өткөргөндөр билет, ошол сүйүү кымбат, таза, бийик болот.

- Дал ошондой, Самардын жүрөгү бош, бирок кадыр-баркына жете билишиңиз керек, бир адамдын сүйүүсү жетишсиздик кылат, убакыт бериңиз, Самардын жүрөгүн багындырууга аракет кылып көрүңүз, - Айсулуу Самарды карады эле ал башын чайкап койду.

- Кыздар, ашыкча кетсем кечиргиле, бирок мен Самарды чын жүрөгүм менен сүйөм, - деди Карим аларга алмак-салмак карап.

- Сүйүү оңой, сүйүүнүн кадырына жетүү кыйын.

- Албетте, сүйөм деп айтуу оңой, бирок таза бойдон сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербейт.

- Туура айтасыңар кыздар, айып менде, - Карим башын жерге салды, - Мен өзүмдү кармай албай калдым.

- Эчтеке эмес, жаштыкта баары боло берет, Самардын акын агасы жанынан бир жигит көрсө соттойт, этият болуңуз, - Гүлнара күлүп койду.

- Ооба, Мамытбек агай Самарды бир жигит менен катар бастырбайт, - Кыздар каткыра бири-бирин карашты.

- Койгулачы кыздар, агамды сыйлайм, бирок мен өзүмдү-өзүм эле билем, мага жаккан жигит болсо өзүм чечем, - деди кызаңдай, - Сөзсүз улуунун сөзүн угуу керек дечи, бирок анчалык эле кысымга алышпайт, андай дебегилечи.

- Болду, сөз жок, - деп каткырып калды Гүлнара.

- Ошого дагы теригет бекен? - Айсулуу да күлдү.

- Кыздар, мүмкүн болсо жүргүлө тамактанып алалы, - деп Карим үч кызды карады, - Кандай дейсиңер, сулуулар?

- Студенттердин чөнтөгү жука болчу эле, сиз бизди сыйлайм деп жатып жол киресиз калбаңыз? - Гүлнара бырс күлдү.

- Ошону айтсаң, бүгүнкүсү бизден болсун, - деди Самар.

- Жок-жок, ошо кантип болсун, чөнтөк кудайга шүгүр эле.

- Андай болсо сөз жок, Самардын арты менен күрмөк болсок да суудан ичип туралы, - деп Айсулуу шыңкылдай күлдү.

Ошентип дагы төртөө ашканадан тамактанышып, андан кийин бак аралап көпкө жүрүштү, кечке маал коштошуп үй-үйлөрүнө тарашты. Самардын көңүлүнө Карим жагып калды, анын бүгүнкү бак ичиндеги жаштарга көңүл бөлбөй туруп тизе бүгө сүйүүсүн билдиргени жүрөгүн өрөпкүтүп салды: "Эмне экен, сүйсө сүйө турган жигит экен, өзү дагы март окшойт, ошончо элден тартынбай тизе бүккөнүнө караганда өрт экен, жигиттин жигити гана ошенте алат. Сулуу да, бой келбети келишкен, менин жигитим болсо дечүдөй эле жигит, балким менин дагы көңүлүмө жагып калдыбы, болбосо чорт кыялымды карматып басып кетчү элем", - деп үйүнө келе жатып ойлонуп жатты, ошол кезде алдынан Мухтар чыкты, ал көптөн бери эле Самардын артынан калбай жүргөн:

- Салам айттык, сулуу!

- Алик алдык, - Самар токтобой өтүп кетээрде колдон алды:

- Токтой турчу, Самар.

- Убактым жок.

- Койчу эми, беш-он мүнөткө тоо урап кетпес, - Жолун тосту.

- Тоспоңуз, менин сизде жумушум жок!

- Менин сөзүм бар.

- Кереги жок, убакытымды албаңыз.

- Самара, бир азга аярласаң.

- Жок, убара болбоңуз, сизге бир мүнөтүмдү да корото албайм.

- Самара, неге мени жактырбайсың, эмнем жакпайт? А мен сен деп кандай абалда жүргөнүмдү сезбейсиң, ата-энем бар, колубузда бар, окууну бүткөм, андан артык эмне керек?

- Магабы? - Самар Мухтарды акырая көзүн албай карады, - Түшүндүңбү, мага сүйүү керек, өзүм сүйбөгөн адамдын мага кереги да жок! - Колун силке басып жөнөмөк болду эле Мухтар кайра кармап калды:

- Сүйүп кетесиң, мен сени сүйдүрүп алам.

- Убара болбо!

- Эмнеге, башка бирөө барбы?

- Ооба, жигитим бар, түшүндүңбү эми?

- Жо-ок, мен сенин артыңдан түшкөнүм түшкөн, жигитиңе жеткирбейм, мен айтканыма турам! - деди да бурулуп басып кетти.

Самар ага жооп кайрыган жок, жөн гана бир балээден кутулгандай: "Жинди", - деп алып үйүнө кетчү жолго түштү. Агасы үйдө жок эле, жеңеси Лариса аны жадырай тосуп алды:

- Биздин кызыке бара-бара көбүрөөк сейилдөөчү болду го?

- Сейилдемек кайда жеңе, китепканада болдум, - деп Самар калп айтканым билинип калбасын деген ойдо кийим илгичке плащын илип кийимдерин алмаштырмак болуп бөлмөсүнө кирип кайра чыкты:

- Окуудан кыйналбадыңбы?

- Жок жеңе, кошумча окуп жатпайынбы.

- Азамат, келишкен мугалим болгондо барбы, сени акең экөөбүз өзүбүз сатабыз, куда түшөбүз дегендер көп.

- Койчу жеңе, сыртыман тон бычкыңар келеби?

- Кызды ошентип эле күйөөгө берет, бир кызды ата-энеси билсе бир кызды ага-жеңеси билет, кыскасы бактылуу болосуң, ал жигит академияны бүтүп аспирантурага тапшырган, бакыйган инженер, акыл-эстүү, көркөмдүү жигит.

- Болсо боло берсин, мени кызыктырбайт, - Самар тултуң этти.

- Көрсөң минтип айтпайт каласың, - Лариса аны бышы кулак кылып көндүрмөккө атайын сүйлөп жатты, - Эрке кызды ошондо көрөбүз, азоо тайга мурунтук салгандай эле болосуң.

- Койчу жеңе!

- Койбой эле, эмки күздө үйлөнтөбүз деп жатат, экөөңөрдү өзүм тааныштырам. Мамытбек аны жактырып калды, Эрлан абдан кичи пейил, ак көңүл жакшы жигит.

- Болсо өзүнө да жеңе.

- Сенин багыңды ачат, бакыйган инженердин аялы болуп бактылуу болосуң, иштеп аласың, сен окууңду бүткөнчө ал өзү иштейт, заңгыраган беш бөлмө тамы бар, колдорунда дагы бар экен.

- Бар болгонунун кимге кызыгы бар?

- Ачууланба эми, жеңең болгонум үчүн сенин бактылуу болушуңду каалайм, - деп болбой эле сүйлөп жатканда Самар чыгып кетти, артына кайрылып караса изи да жок, - Ай эрке кыз, кайда кеттиң ыя?

- Жеңе, мен уктап алайынчы, - Самардын үнү залдан чыкты, - Аябай чарчадым жеңе.

- Чарчасаң эс ал.

- Макул жеңе, акем келсе уктап жатат, - деп коюңуз ээ?

- Ооба, кабатыр болбой эс ала бер, - деп койду Лариса.

Самар ордуна жатып алып Каримди ойлоп: "Айылда жүрүп көрбөптүрмүн, менден улуу болсо керек, аскерге кеткендир, анан окууга кетсе мен кайдан көрмөк элем, бир аз сынап көрөйүн, акем каршы болбойт чыгаар, өз айылыбыздан тура. Баса, өзбекке окшош экен, андай болсо мени оңой менен бербейт, сурап көрөйүн", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Кыз жүрөгү дагы элеп-желеп болуп эмнегедир ыйык бир сезимге кабылгандай болду. Эки жүрөк бири-бирине тартылышып эки жактан ойлонуп тынч ала албай далбастап жатты.

Ошол сезим түбөлүк издештирип салаары булардын ойлоруна дагы келбеди. Болгону жаштыктын делөөрүткөн сезимдери экөөнү эки жактан делбиретип бири-бирине тартып турду. Каримдин апасы бар, атасы өтүп калган, бир агасы, эки карындашы бар.

Самар менен тез-тез жолугуп отуруп бири-биринен айрылгыс болуп калды, мурдакыдай курбулары менен эмес өзү жалгыз жолугат, Карим кызга не деген гана таттуу сөздөрдү, сүйүүнүн гүлүн терип жолуккан сайын лилия гүлүн көтөрө келип кол кармашып басып жүрүшөт. Бул окуя агасы Мамытбекке жетип, ал жумушунан эрте келип Самарды күтүп отурду. Кеч келип өз бөлмөсүнө кирип баратканда:

- Самаш, - деди Мамытбек, - Кел бери, сүйлөшөбүз.

- Азыр, - Самардын жүрөгү шуу дей түштү.

- Тез келип отур жаныма.

- Макул, - Кирип кетти. Бир аздан кийин кийимин которунуп келип отурганда Мамытбек карындашын ойлуу карап туруп:

- Самаш, айтчы мага, күйөөгө чыккың келеби? - деди.

- Жок, ким айтты?

- Уктум, экинчи ошол жигит менен жүргөнүңдү көрбөйүн.

- Аке…

- Болду, үнүңдү чыгарба, эгерде дагы бир уксам таарынба, үйгө эрте келип тур, - деди да ордунан туруп кетти, бул айттым болду дегени эле.

Самардын көзүнө жаш кылгыра отуруп калды, жеңеси Лариса жанына келип отурду.

- Капаланба, акең кайда бармак эле, акыры көнөт да, ал жигитиң өзүңө жагабы деги?

- Жеңе…

- Койчу эми, ыйлабай чыдап күтсөң акең түшүнөт акыры, билмексен болуп жүрө бер, сени окуусун бүтсүн деп жатпайбы.

- Биз бири-бирибизди сүйөбүз, ал деле жакшы жигит, мединститутта окуйт, келээрки жылы бүтөт, - деп ыйламсырап ийди Самар.

- Эч коркпо, мен сага жардам берем, - деп Лариса Самарды соорото чачынан сылады, - Сени жаман болсун демек беле агаң, коркпой жүрө бер, мен ал баланын ата-энесин сураштырып көрөйүн.

- Эмнеге жеңе, адамдай эле адамдар да, атасы жок экен. Апасы, бир агасы, эки карындашы бар.

- Ошентсе дагы сенин кадыр-баркыңа жетеби жетпейби, ошону билишибиз керек да, түшкөн жериң жакшы болсо бактылуу болосуң, - деп Лариса көп сөздөрдү айтып жубатып жатты.

Самар өз бөлмөсүнө кирип алып дагы ыйлап кирди, эртеси сабагына барганда ойлуу көңүлсүз отуруп сабагы бүткөндө сыртка курбулары менен чыкты.

- Самар, сен эмнеге капалуусуң? - Гүлнара ага кайрылды.

- Жөн эле.

- Карим таарынтып койгон жокпу?

- Жо-ок, мени аны менен жолукпа деп акем урушту.

- Ай-ий, чынбы?

- Ооба, Каримге кантип айтам?

- Айтпай эле кой, көп жүрбө, бир аз жолугуп эле кайра кетип кал.

- Кантип, жолукканымды айтып коюшсачы?

- Ким айтат эле?

- Билбейм, өзүм дагы түшүнбөй калдым.

- Коркпо, акыры түшүнөт да, силер бири-бириңди сүйгөндөн кийин эмне кылат эле, экөөңөр үйлөнүп алгандан кийин эчтеке дей албайт, - деп Айсулуу Самарды жубата эки курбусу эки жактан шыкактап жатты. Ошол убакта аларды көздөй Карим күлмүңдөп келе жаткан:

- Кандайсыңар кыздар?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Эң сонун, силерди көрүүгө ашыгып келдим.

- Биздиби же Самардыбы? - Гүлнара тамашалай күлө карады.

- Албетте Самарды биринчи, анан силерди дагы көргүм келет, биз дос эмеспизби? - Карим кыздарга күлө жооп кайтарды, - Кана, кайда барабыз, кыздар?

- Сиз айтыңыз, - дешип кыздар сүйлөп жатканда Самар унчукпай карап турду, Карим анын кабагын байкап көрүп ичинен ойлонгону менен сыртынан билгизбеди. Ушул учурда Карим кыздарды барып жүрүшчү ашканага барып киришти, үчөөнө тамак алып берип өзү суусундук эле ичти. Кыздардан бөлүн деп айта албай турганда Айсулуу Гүлнарага карады.

- Гүлнара, биз эми кетели, кыз-жигиттин ортосунда отура бергенибиз болбойт, - деди жылмая.

- Жарайт. Самар, биз кетели анда, биздин жигиттер дагы күтүп калышты го?

- Ананчы, мен айта албай жаттым эле, - Айсулуу Самарга кол сунду, - Эмесе көрүшкөнчө!

- Макул, эртеңге чейин, - Самар курбулары менен өбүшө коштошту.

- Карим аке, жакшы калыңыз.

- Жакшы баргыла, кыздар, - Карим кыздарды узата карап анан Самарга кайрылды, - Самаш, негедир капалуусуң да.

- Эчтеке, капа болгонум жок.

- Жо-ок, сенде бир ой бар, айтчы эмнеге капалуусуң?

- Кари-им, капа болгон жокмун, - Самар жер карай жооп берди.

- Неге менден сыр жашырасың, же сенин сүйүүң жалганбы, эгерде мени сүйсөң ички сырыңды жашырмак эмессиң.

- Жашырбаганда кантем, - Самар буулугуп зорго сүйлөдү, - Акем мени сага жолукпа дегенин айта албай жатам.

- Эмнеге Самар, биз бири-бирибизди сүйөбүз, сен ачык айтышың керек.

- Айттырбай койду, болгону биздин жолугушуубузга тыюу салып жатат.

- Андай болсо сени мен ала качып кетем, каршы эмессиңби?

- Жок-жок, андай болбойт, адегенде окуумду бүтүрүшүм керек.

- Экөөбүз сабакка бирге бара беребиз.

- Карим, бир аз күтөлү, балким акем бизди түшүнөөр.

- Биз үйлөнүп алсак унчуга албай калат.

- Билбейм, акем бизди түшүнбөйбү деп корком.

- Түшүнөт, биз бири-бирибизди колдоп, бир сөзгө туруп алсак эле эчтеке дебейт. Башкысы, сен өз сүйүүңдү айтсаң болду, - Карим Самараны колдон алып бак ичинде басып жүрүштү.

- Сабактан чыгаарың менен үйгө кел деген, кокус кечиксем жеңемден сурап билип алат, - Самар корккондой карады.

- Макул, дагы бир аз отуралы, Самаш мен жакында апама айтып ийдим, жооп келсе эле сени алып кетем.

- Ошончо батпы?

- Ооба, бирге болгонубуз жакшы эмеспи, же көңүлүң жокпу? - Кыздын көздөрүнө тигилди, - Айтчы, мени сүйөсүңбү?

- Сүйөм, бирок акеме түшүндүрүш кыйын, балким мындан кийин мени өзү келип алып кете турган болот.

- Койчу жаным, экөөбүз түбөлүк бирге болобуз, ошондо агабыз бизди кандай гана сыйлайт дейсиң, сен мугалим, мен врач болобуз, жумушка бир кетип кечинде үйдөн жолугушабыз, - деп Карим кыздын көңүлүн жайкап сооротуп жатты, көптөн кийин Самар жадырап-жайнап кадимкисиндей болуп экөө келечек тууралуу сүйлөшүп отуруп, анан Самар кетмек болду.

- Мен барбасам агам өлтүрөт.

- Өлтүрбөйт, анда мен кантем? - Карим күлө колун кысып койду, - Анда экөөбүздү тең өлтүргөнү жакшы.

- Кой антпе, сенсиз мен кантем? - Экөө бөлүнүшө албай көпкө турушту, акыры аргасыз бөлүнүп эки жакка кетишти.

Карим Расулдун үйүнө келип чогуу дасторкондо отурганда:

- Аке, сиз Мамытбек деген акынды билесизби? - деди.

- Кайсы, Аманов Мамытбекпи?

- Ооба, тааныйсызбы ошону?

- Тааныбаганда, ал экөөбүздүн көз карашыбыз каршы.

- Эмнеге? - Карим нааразы боло түштү.

- Биздин ортобузда бир иш бар, биз экөөбүз бир жерде отура албайбыз.

- Ой ат-та…

- Эмне болду сага?

- Сизди ортого салайын дегем.

- Кандай иш?

- Аке, анын карындашы экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз, агасы каршы болуп жолугушпагын дептир.

- Карындашы ошондой эле чүрөк бекен? - Расул мыйыгынан жылмайды.

- Эми мага жагат.

- Ой ал кежир неме, ага мен бара албайм иним, колдон келбес иш экен. Башка кыздар деле бардыр, карап көрбөйсүңбү?

- Жо-ок, мен Самарды сүйөм, аке.

- Сүйүү-мүйүү болбогон сөз, андан көрө жеңеме ылайыктуу бир жакшы кызды келин кылып бер да, - деп Расул жактырбагандай үн катты.

Расул менен Мамытбектин ортосундагы мамиле теңтуш болуп окуп жүргөндө эки бөлүнгөн. Анткени Лариса Расул менен сүйлөшүп жүргөндө Мамытбек Ларисаны жактырып калганын айтып артынан түшүп, ага арнап ыр жазып азгырмак болгонун угуп, экөө уруша кетишкен. Бирок Лариса аны сүйбөгөнүн ачык айтып, көп өтпөй Мамытбек экөө үйлөнүп алышкан. Расул гезитте иштейт, Мамытбек акын, ырларын алып келет, бирок экөө бет келсе дагы учурашпайт, сүйлөшпөйт.

Карим үн дебей ордунан туруп жатчу бөлмөсүнө чыгып кетти, ошондон баштап Самарды агасы өзү алып кетчү болду, бир жолу күтүп турган Карим Мамытбектин жанына басып барды.

- Атсалоому алейкум, ага.

- Ал-леки салам.

- Сиз менен сүйлөшсөм болоор бекен, ага.

- Эмне жөнүндө? - Олурая жаман көзү менен карады.

- Биз Самар экөөбүз…

- Ой бала, сен мени ким деп турасың, жүрөгүңдө от бар немесиң го, мага ошону айтууга кантип дитиң барды? - Жини келе оройлонуп тике карады, - Самарды оозанчу болбогун!

- Агай, биз бири-бирибизди сүйөбүз.

- Токтот! - Ошол убакта окуу жайдан чыгып келе жаткан Самар экөөнү карап жашына калды, - Сен бала өз жолуңду бил!

- Агай.. .

- Болду, мен сени уккум келбейт, - деп жиндене уруп жибермек болуп колун көтөргөндө Самар чыга калды:

- Аке! - дегенде Мамытбек аны карады.

- Бол кеттик, мен иштен кечигем.

- Самар, баары бир мен сенден калбайм! - Карим кыйкырып калды, Мамытбек жиндене Самарга кайрылды.

- Түш машинага!

- Мына баратам, - Самар Каримди жал-жал карай машинага отурду, - Аке…

- Бас үнүңдү, сүйлөбөй отур!

- Түшүнсөңүз боло, аке?

- Мага үйрөтпө, жанагының эми бир алдымдан чыкса жыга чабам, - деп машинасын ызылдата айдап кетип жатты, - Мен айткандай болосуң, күйөөнү өзүм тандайм сага.

- Башканын кереги жок! - Тултуя үн катты Самар.

- Сүйлөбө, качандан бери өзүңдү билип калгансың? Атамдарга айтып сени окуудан чыгарып, койчуга бербесемби, - Мамытбек ачуулуу машинасын айдап үйүнө келип Самарды түшүрдү, - Кир үйгө, сени сырттан окууга котортом дагы айылга жөнөтөм, - деп кетип калды кайра.

Самар буулуга ыйлап ичкери киргенде Лариса аны көрүп боору ооруп кетти.

- Кызыке, мынчалык болбочу эми, агаңдын кыялын өзүң жакшы билесиң го, мен айтсам дагы болбой жатпайбы, - деп кучактап чачынан сылады, анткени ал Самарды жакшы көрчү.

- Эмнеге каршы болот? Мени Каримге бербесе мен так өтөм, эч кимге тийбейм, - Самара ыйлап өз бөлмөсүнө өтүп кетти.

- Капа болбо, акеңдин ачуусу бат эле тарайт, бир күнү өзү кечирим сурайт, шашпа.

- Ооба, кечирим сурабай калсын, Каримди уруп кое жаздабадыбы.

- Ал дагы келип калды беле?

- Ошол жерде экен, акеме жолугуп бирдеме десе керек.

- Ачуусу келип турганда жолукпай эле койсо болмок экен.

- Мен билген жокмун, сабактан чыксам сүйлөшүп туруптур.

- Ыйлаба секет, акеңе бир таанышы куда түшкөнү жатыптыр, абдан жакшы кишилер экен, чоң болуп иштесе керек.

- Айттым го жеңе, мага башканын кереги жок.

- Жигит министрликте иштейт имиш, окууну бүткөн бала экен.

- Бүтпөсө койсун.

- Кой антпе, сүйүү сага бакыт болуп бербейт.

- Сүйбөгөн адамдан кайсы бакытты табам, жеңе?

- Бактылуу болуш үчүн сүйүү эле эмес баары керек, кызматың болбосо кайдагы бакыт, байлыгың болбосо сүйүүң менен эч нерсеге жетпейсиң, - деп Лариса кайынсиңдисин көндүрмөк болуп аябай айтып жатты, аны уккусу келбеген Самар кулагын жаап жатып алды:

- Укпайм жеңе, ачка болсом дагы сүйүү менен жашаганым жакшы. Каримдин деле байлыгы билими бар, врач болот, мен иштейм, биз бактылуу эле болобуз.

- Өзүң бил, айттым койдум, каалаганың болсун.

- Жеңе, - деди Самар башын көтөрө, - Акеме айтыңызчы, эгерде мага тыюу сала берсе мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм.

- Ок, ал эмне дегениң, акең укса эмне дейт? - Лариса кайрылып жанына келди да: - Кызыке, андай дебе, бир жигит деп өзүңдү-өзүң өлтүргүдөй анчалык эмне болду, атаңдарды ойлобойсуңбу ыя?

- Мен өзүмдү жек көрөм жеңе, эмнеге жаралдым деги?

- Анткениң болбойт, кудайга өктөө кылганың күнөө, кызыке.

- Күнөөм көбөйсө алып кете берсинчи!

- Кой дейм, жаман сөз сүйлөбөй жүр, - деп Лариса ашканасына чыгып кетти, жүрөгү ооруду, кызындай эле көрчү, анткени Лариса келин болуп келгенде Самар он-он бир жаштардагы кыз болчу, улуу кызын көтөрүп баккан, аябай жакшы көрөөр эле. Өзүнчө ыйлагысы келди: "Бечара кыз, сүйүүдөн жүрөгү өрттөнүп турганын карачы, өзүнө-өзү кастык кылып коюшу да мүмкүн", - деп ойлонуп күйөөсү келгенде айтып түшүндүрмөк болуп кечки тамагын жасап күйпөлөктөп балдары мектептен келгенде аларга кошуп Самарды чай ич деп кирсе ал ыйлап жаткан бойдон уктап калыптыр, карап туруп ойготкусу келбей кайра чыгып кетти. Мамытбек келгенде балдарын бөлмөлөрүнө киргизип жиберип күйөөсүнүн жанына отурду:

- Мамыт, мени укчу.

- Эмне дегиң келип турат?

- Кызды өз жайына коюшуң керек, өзүң дагы сүйүүнү жакшы эле билесиң го?

- Кой Лариса, ал жөнүндө мага экинчи айтпа.

- Кокус карындашың өзүнө-өзү кастык кылса өкүнүп калба.

- Кудай сактасын, сен аны Шабдан менен тааныштыр.

- Кантип, укпай койсочу?

- Угат, сен аны алдап ээрчитип барып тааныштырып койсоң болду.

- Кызык, анын угайын деген ою жок.

- Эгерде менин тилимди албаса агам деп ойлобосун.

- Койсоңчу Мамыт, кыз баланы өз каалаганына бериш керек, сен өтө эле катуулук кылба, кийин ылаңкасы болбосун, бири-бирин сүйсө өз жайына койгонуң дурус, - деп Лариса күйөөсүнө карады, - Эгерде сен экөөбүзгө башка бирөөлөр тоскоолдук кылса кантет элең, өткөндү, өз башыңдан өткөн сүйүүнү эсиңе сал, жаштарга ак батаны берүү керек, кыз азыр жаман абалда, өзүмдү-өзүм өлтүрөм деп жатат.

- Өлтүрбөйт, сен Шабдан менен тааныштыр, анан алар ала качып алабыз деп жатат, андан кийин көрөбүз, Самашты тезирээк күйөөгө берип жибериш керек, - Мамытбек аялына карап койду, - Сен эч кабатыр болбо, баары жакшы бүтөт, Шабдан билимдүү, акыл-эстүү, келбеттүү жигит. Самаш бактылуу болот, ошондо мага рахматын айтат, көрөсүң го?

- Билбейм, өзүң билчи, - Лариса ордунан туруп ашканасына кирип кетти.

Мамытбек жаагын таянып көпкө ойлонуп отурду да туруп Самардын бөлмөсүнө басып барып каалганын тушуна бир топко турду, анан эшикти акырын какты, дабыш чыкпаган соң эшикти түртүп кирип келди.

- Самаш, ойгоосуңбу Самаш, - Самар кыймылдабай жата берди, жанына отуруп алып, - Самаш, мен сенин бактыңды гана ойлоп жатам, сен мени түшүн, сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиң.

- Жакшы көрсөңүз мындай кылбайт элеңиз, - деп башын төшөккө катып алды.

- Ошол балаң мага жакпады, ошол сени бактылуу кыла алабы? Сен жаңылып жатасың карындашым, өз бактыңды ойлошуң керек.

- Мен Карим менен гана бактылуу болом!

- Жаңыласың, мен айткандай болосуң, - Мамытбек тура калды, - Туруп тамагыңды ич да жатып эс ал, эртең сабакка барбайсың, мен сүйлөшүп койдум, сырттан окуйсуң, - деп чыгып баратканда Самар анын артынан:

- Эчтеке ичпейм, ачкадан өлөм, апамдарга барып айтам! - деп үнүн бийик чыгара айтканда Мамытбек кайрылбай чыгып кетти.

Самар өпкөлөп ыйлап жатканда Лариса тамак көтөрүп кирди.

- Кызыке, туруп тамак ичип алчы, көп эле ыйлай бербесең, - деп өйдө тургузмак болду эле болбой койду, - Сен өзүңдү кыйнап жатасың, эс акылдуу эле жансың го, салмак менен жеңишиң керек, тагдырдын кандай кылаарын билесиң кызыке, балким өзүң сүйгөн адамга баш кошосуңбу, аны жараткандын өзү билет, чыдай турчу жаныңды кыйнабай.

- Жеңе, акеме айттыңызбы?

- Айттым, ойлоноюн деди.

- Эмнеге мени сырттан бүтөсүң деп жатат?

- Билбейм, сени жакшы көргөнүнөн коргоп жатса керек.

- Эмнеден коргойт, мени желмогуз карап жатты беле?

- Жаман сөздү айтпасаңчы, андан көрө айылга барып апамдарга жолугуп кел, эртең экөөбүз дүкөнгө барып кийим-кече алабыз, макулбу?

- Мага кийимдин кереги жок.

- Антпе, кызыке.

- Жеңе, мени окуумдан чыгарбасынчы, мен окугум келет.

- Чыкпайсың, сырттан бүтүрөбүз, эки-үч жыл окуп койдуң го, баарын билесиң, иштеп кетесиң, кыйын учурун окуп бүтпөдүңбү кызыке, - деп күлүп ээгинен көтөрүп эркелетип койду, - Акыл-эсиң бар, токтоолук менен баарын жеңгин, макулбу?

- Алтыным жеңем, ушунчалык акылдуусуң ээ, тилиңиз ширин, мен сизди аябай жакшы көрөм, жеңе, - деп Самар Ларисаны кучактап алып эки бетинен өөп-өөп алды.

Экөө көпкө сүйлөшүп отурганда тамакты ичип анан жатып калды. Лариса аны кымтылап коюп кубана анын бөлмөсүнөн чыкты. Эртеси Самарды ээрчитип алып дүкөнгө барып атайын сүйлөшүлгөндөй эле алдынан Шабдан чыга калып экөө сүзүшүп алды.

- Ке-кечиресиз, - деп Шабдан кызды карап калды, Лариса эч нерсе билбегендей кийим-кече карап жүрүп көз салып коет, - Кечириңиз, - Шабдан Самардын колунан түшүп кеткен баштыкты ала коюп колуна берди.

- Эчтеке эмес, этият болбойт белеңиз? - Самар басып кетмек болду эле, Шабдан анын артынан:

- Чоң кыз, атыңызды айта кетиңизчи, - деп жете келди.

- Сизге эмне кереги бар?

- Жагып калдыңыз, - Күлүмсүрөй алдынан тосту.

- Обу жок жигит экенсиз, атайын түртүп кеттиңиз беле? - Самар жини келе аны карысынан түртө өтүп кетмек болду, - Мен сизди жек көрөм.

- Сиздей сулуу кызды көргөндө обу жок болуп кетмейим бар, - Колун сунду, - Менин атым Шабдан.

Самар бир саам жигитти көз токтото карап туруп келбети келишкен жигитти көрүп жибигендей болду.

- Ошончолук эле билгиңиз келсе айтайын, менин атым Самар.

- Мына, эмесе таанышып алдык, кайда окуйсуз?

- Пединститутта окуйм.

- Мугалим болот экенсиз да?

- Дал ошондой, а сиз окуйсузбу?

- Иштейм, министерстводо.

- Кандай? - деп Самар тикирейе карады да эки жагын элеңдеп жеңесин издеди, Лариса ары жакта экөөнү карап турган, дароо жетип келди.

- Кызыке, кайда жоголуп кеттиң, мен сени тигил жактан издеп жүрбөйүнбү? - дегенде Шабдан ага баш ийкеп учурашкан болду.

- Кеттикпи, жеңе? - деп Самар кабак бүркөй карады.

- Азыр, мен Талантка батинка алып алайынчы, - деп Лариса шашып калды, - Сен мени менен барасыңбы?

- Дүкөндү аралагым келбей турат, мен кете берейинчи.

- Кой, чогуу кетебиз.

- Самар, биз сүйлөшүп туралы, - Шабдан Самарга кайрылды.

- Эртерээк чыгыңызчы, жеңе.

- Бат эле чыгам, - деп Лариса ылдамдай кирип кетти.

- Самара, жигитиң барбы? - деп Лариса кетээри менен сурады Шабдан.

- Ооба, бар.

- Катуу сүйөсүзбү?

- Сиз ойлогондон да күчтүүрөөк, - Самар жини келип айтты, анткени ал жеңесинин атайын жолуктурганын сезип койгон эле.

- Оо, ал бактылуу жигит ким болду экен?

- Бүт Кыргызстанды таанысаңыз, айтайын.

- Балким тааныйт чыгаармын.

- Келечекте эл дарыгери болот.

- Оо, денсоолук сакчысы тура.

- Ооба, - Жактырбай ар жак, бер жакты карап жооп берди.

- А сиз мага жагып калдыңыз.

- Бир көргөндө жактырып калдым деген жигиттердин адаты.

- Жо-ок, чынымды айттым.

- Ишендим.

- Ушунчалык дагы текеберсизби?

- Сөзүңүзгө жо-оп.

- Кай жердин кызы болосуз?

- Билип туруп билмексен болбоңуз, агам менен жеңемдин айтуусу менен келгениңизди билем, - Мостое карады.

- Мен эч нерсе билбейт экенмин.

Ошол убакта Лариса келип калды:

- Кеттикпи, кызыке?

- Ооба жеңе, бирок сиз ойлогондой иш жакшы бүткөн жок, - деп алдыга басып жөнөдү, - Жакшы калыңыз, - Шабданга кайрыла карап айтты.

- Эмне дейсиң, кызыке? - Лариса артынан жете келди.

- Жакшы ойлоп таапсыз, жеңе, балким жактырып калат дедиңизби?

- Ким айтты?

- Көз карашыңар.

- Ой тобоо, сенден эчтеке жашырып болбойт экен го?

- Жеңе, менин жүрөгүм бир гана адам деп согот.

- Түшүнөм берекем, бирок жети өлчөп бир кессең болмок.

- Алда качан чечип койгом.

- Жарайт берекем, экинчи мындай болбойт, - деп колтуктап алып автобуска отуруп үйгө жөнөштү.

Самар ичинен сызып унчукпай келди, оюнда Карим: "Кантип жатты экен, мени бүгүн издеди го, кудайым ай, бизди бөлө көрбө, мен Каримсиз жашай албайм, ал менсиз жашашы кыйын, эмнеге акем каршы болуп жатат, эгерде жакшы көргөнү чын болсо каалаган адамыма бербейби, көңүлүмө карабайбы", - деп бөлмөсүнө кирип экөө түшкөн сүрөттү карап көпкө отурду. Эки күндөн кийин Самарды айылга жөнөтүштү, аны ооруп жатат деп сырттан окуу бөлүмүнө которуп койду. Ошентип Карим анын дайынын билбей кыжаалат болуп Гүлнара менен Айсулууга жолукту.

- Самар эмнеге сабакка келбей жатат? - деп сурады дароо эле.

- Ал мындан ары сырттан окуйт экен.

- Эмнеге?

- Аны биз билбейбиз.

- Үй телефонун билесиңерби?

- Менде бар, - деди Айсулуу озуна.

- Сүйлөштүрө койбос бекен.

- Эптеп сүйлөшөм, - Карим телефон номерин жазып алып кыздар менен коштошуп жөнөй бергенде Гүлнара токтотту.

- Карим, сиз чалганда жеңеси алса жок деп коет, мен сүйлөшөйүн.

- Макул анда, телеграфка баралыбы?

- Кеттик, - деп кыздар ылдамдай басып жөнөштү.

- Айылына кетип калбады бекен? - Айсулуу Гүлнарага карады.

- Билбейм, көрөбүз да, - Гүлнара ийинин куушурду.

- Мага бир жолуктурсаңар эле болду, - деп Карим улутунуп ийди.

- Болсо эле жолуктурабыз, - деп кыздар күлүп калышты.

Үчөө телеграфка барып кабинага кирип номерди терип тыңшап турганда бирөө ала койду эле Гүлнара:

- Ало саламатсыздарбы, мүмкүн болсо Самарды телефонго чакырып коесузбу? Аа-а, качан кетти эле, мен курсташ курбусу болот элем, качан келет Самар? Ма-акул, жакшы туруңуз, - деди да трубканы ордуна илип коюп ийинин куушурду, - Ал айылга кетип калыптыр, качан келээрин билбейт экен жеңеси.

- Балким кеткен эместир? - Карим кыздарды карады.

- Билбейм.

- Чын эле кеткендир? - Үчөө бири-бирин карап туруп калышты. Карим тынчы кете ойлонуп туруп эле, кыздар менен коштошпой басып кетти.

- Ай мына бул жинди го? - Гүлнара Айсулууга карап колу менен Каримди көрсөттү, - Делбе болуп калган го?

- Күйүттөн өзүн билбей бараткандыр.

- Кызык ай, жинди десе, - Экөө Каримге жини келип үйлөрүнө кетчү аялдаманы көздөй жөнөп баратып да өз ойлорунда: "Адам эмес эле айбан ээрчип жүргөнсүп карасаң, коштошуп койсо эмне болот эле", - дешип кетип жатты.

Карим эмне кылаарын билбей жол бою менен басып кетип жаткан, ошол убакта классташы Гүлина жолугуп калды.

- Карим, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жакшы, окууларың кандай?

- Ойдогудай.

- Эмнеге капалуусуң?

- Жөн эле, эч нерсеге көңүл жок, кайда болуп жатасың, шаарга качан келдиң?

- Көп болду.

- Иштеп жатасыңбы?

- Ооба, окуган колдон келбесе иштейбиз да, силер окуп-чокуп бизди колдоп турсаңар болду.

- Иштеген жакшы эмей, кайда иштеп жатасың?

- Камвольныйда.

- Жакшы экен, жүрү жолукканыбыз үчүн чайлашалы.

- Макул, классташым сыйлайм десе каршы эмесмин, - деп Гүлина күлүп калды.

Экөө ашканадан көптө чыгышты, Карим ачуусуна чыдабай арактан ичип алды, Гүлинаны ич деди эле болбоду.

- Албаганың жаман экен, мени менен шерик болбогонуңа капамын, - деп Карим классташын кармап алды.

- Эмнеге минтип жүрөсүң, сүйгөн кызың таштап кеткен го?

- Ошого жакыныраак.

- Күйөөгө тийип кеттиби?

- Жо-ок, агасы бербей жатат.

- Эмнеге?

- Карындашын күйөөгө бербейт экен.

- Ким деген?

- Биз жактык Мамытбекти тааныйсыңбы?

- Амановбу?

- Ооба.

- Анын бир эле карындашы бар го, кечээ эле аны айылда жүрөт деп уккам, Самарды айтасыңбы?

- Сен аны тааныйсызбы?

- Ой биздин тууганыбыз да.

- Гүлина, сен мага Самардын дарегин берчи.

- Жарайт, берейин, Самара өзү сенден качкан эмеспи?

- Жо-ок, агасы качырып жатат, - деп болгонун айтып берди.

Көпкө сүйлөшүп туруп анан бөлүнүштү. Карим үйүнө капалуу келди, Расул үйүндө эле, ал инисинин түрүн көрүп:

- Сабак кандай? - деди.

- Жакшы.

- Ушу кезде кыздарды ойлогонду коюп окууңду окушуң керек.

- Сессияга чыкканда үйлөнөм, - деди Карим бурк эте.

- Үйлөнгөндө түйшүк кошо түшөт, окууңду бүткөндө үйлөнгөнүң жакшы эмеспи, анчалык шашылбасаңчы.

- Самарды башкага берип ийсе кантем?

- Кантет элең, дагы бир кыз багыңа тургандыр.

- Аке, мен Самарды сүйөм, андан башканын кереги жок.

- Өзүң бил, жеңемди кыйнабасаң эле болду.

- Эмнеге кыйналмак эле?

- Үйбүлө куруу оңой эмес, ылайыктуусу болот, ылайык эмеси болот, ойдогудай болбой чабылып-чачылып кала берсеңер ошол жаман.

- Ал андай кыз эмес.

- Мейли, ошондой эле болсун, - деп тамактанып отуруп дагы кобурашып жатты.

Каримдин жүрөгүндө Самардын гана аты, аны көргүсү келип, колунан келсе канаттуу куштай зымырап учуп жеткиси келет, бирок аргасыз, туруп-туруп Мамытбекке жини кайнап аны менен мушташкысы келип токтойт, Самарды ойлогондо жаны жай албай түн уйкусунан кече турган болду. Сабакка кээде кечигип барат, түнү менен уктай албай таңга маал көзү илинип кечиккен күндөрү көп болду. Арадан бир ай өткөндө Мамытбектин үйүнө телефон чалды. Кудай боор ооругандай Самар алса болобу, тааныш үндү угуп кубанып кетти:

- Самаш, кандайсың? Айылдан качан келдиң, денсоолугуң жакшыбы? Самаш жолукпайлыбы, баягы жерден, сени күтөм, - деди да трубканы коюп гүл саткан күркөнү көздөй жүгүрдү. Колуна бажырайган лилияны алып бак ичинде ары-бери басып тынчы кете күтүп жатса бир кыз ага тийише:

- Жигитче, бул гүлүңүз мага эмеспи? - деди тамашалай.

- Кечиресиз, ээси бар, - Карим жылмайып койду.

- Келгениңизге көп болду, ушунча күттүрөбү?

- Апасы жибербей жатат го?

- Ыймандуу кыз окшойт?

- Ошондой, - деп кетип жаткан келинди карап кудуңдай кубанычтуу турганда алды жактан Самардын карааны көрүндү, Карим жүгүрүп жетти, - Келдиңби, жаным? - Гүлдү кармата салып кучактап калды, - Көрбөймбү деп түңүлүп калдым эле.

- Чынбы?

- Айтпа, жанымды коеорго жер таппайм.

- Карим.

- Ийи алтыным.

- Бизди кошпосо керек.

- Ким?

- Ата-энем да, агам да каршы…

- Биз качып кетебиз, кышкы сессияда үйлөнөбүз, - Бооруна бекем кысып чекесинен өптү, - Эч кабатыр болбо, биз бирге болобуз.

- Ишенбейм, Карим.

- Үмүттү өчүрбөш керек.

- Туура дечи, бирок…

- Эмне бирок, биз бири-бирибизди сүйгөн соң эч ким тоскоол боло албайт, менин дагы тууган-уругум бар, акебиз менен сүйлөшчүлөр бар, Самаш.

- Ошондой болсо кана? - Кыз улутунуп ийди.

- Болот жаным, эч ким ажырата албайт, андан көрө сен окууңду эмнеге сырттан улантмак болдуң?

- Акемдин чыгарганы.

- Ошондой адамбы, адатта акындарды жүрөгү таза, ак дил, айкөл болот дешчү эле? - деди күлүп Карим.

- Ошондой эле адам, бирок ачуулуу дагы.

- Катуу экен да.

- Ооба ошондой, бирок мага эмнеге каршылык кылып жатканын түшүнбөйм, - деп Самар башкага бермекчи болуп жатканын жашырып койду, - Мени аябай жакшы көрөт, балким дагы деле кичинекей деп ойлойт го? - Күлүп койду.

- Да-а, анда эмне кылабыз?

- Окууңду бүтө бер, Карим, ага чейин дагы ойлоноор.

- Андай болушу мүмкүн эмес, кышкы каникулда үйлөнөбүз.

- Азыр болбойт го, Карим.

- Эмнеге, мен жыйырма алтыдамын, а сен жыйырма беште, убагы келди, бири-бирибизди сүйөбүз, же жалганбы? - Кызды карыдан ала өзүнө каратты, - Же жалганбы, Самаш?

- Чын, бирок мени азыр чыкпайсың деп жатышпайбы?

- Алар каршы болушса качып кетебиз.

- Ага чейин көп бар, эки айдын ичинде өзгөрүлүп кетсе качпай эле макул болушаар.

- Сен кайра айылга кетпейсиңби?

- Аз күндө кайра кетем, сессияда келем го.

- Жолугуп туралы ээ?

- Аа-а баса, мени издеп калышпасын, акем келе электе барып калбасам уруш башталат, өлтүрүп таштайт, кетейин Карим, - Самар жигитке күлүмсүрөй башын ийкеди, - Мен сени сүйөм.

- Мен дагы Самаш, сенсиз менин ар бир мүнөтүм көңүлсүз, күнүм түнгө айланып кете турган болду, тез-тез жолуга албай азап чегип кеттим, кеткенче жолугуп туралы, мен телефон чалганда келесиңби?

- Макул, сөзсүз келем, мага да кыйын болуп жатат, бирок айла жок.

- Самаш, үйүңдү көрүп алсам кандай болот?

- Макул, акем көрбөсүн.

- Жүрү кеттик, жеткирип анан кайтам, - Карим кызды колдон алып жетелеп жөнөдү, - Бүгүн ушундай бир бактылуу болуп турам дейсиң.

- Эмнеге? - Кыз атайын сурап койду.

- Сен жанымдасың, ошондуктан бактылуумун.

- Мен дагы, - Кыз жигитке жөлөнө басты.

- Качан кетесиң?

- Жакында, так билбейм.

- Мен агамдын үй телефонун берейин, өзүң чалып тур, менин чалганымды билсе агаң жолуктурбай коет.

- Макул, жеңем жакшы аял, эгерде ал алса унчукпайт.

- Алтыным, ушунча тоскоолдуктан кийин баш кошуп алсак акыры бет карашабыз агаң менен, ошондо өзү уялып калат. Мен сени бактылуу кылам, Самаш, - Экөө жетелеше кабаттуу үйлөрдүн жанына келип калышты.

- Эми сен бара бер, бул кабат үйдө турам, тогузунчу үй.

- Жарайт жаным, сен кирип кет, мен карап турам…

- Жакшы бар, - Коштошо эки бөлүнүштү.

Карим көз айрыбай карап турганда караңгы анча кире элек болчу, Самардын алдынан Шабдан чыга калды, ал машинасы менен келип күтүп турган. Самар аны менен учурашып туруп калды. Карим алысыраактан аларга көз салып турган, Шабдан кыздын колун кармаганда жетип баргысы келди бирок акырына чейин байкап турду. Шабдан кызды ресторанга чакырып суранып жаткан:

- Самар, бир аз сейилдеп келбейлиби?

- Жок, убактым жок.

- Суранам, бир жолу макул болуп койчу.

- Сүйбөгөнгө сүйкөнбө дегенди билесизби?

- Билем, бирок тагдыр-насип деген бар, буйруктан эч ким кача албаса керек?

- Баары бир сүйүүсүз жашоо болбойт, - Терс басып кирип кетмек болду.

Шабдан аны колдон алды:

- Суранам Самар, мен сени…

- Кое бериңиз!

- Кое бербесемчи?

- Үстүңүздөн арыз жазам.

- Макул, кандай десеңиз макулмун, бирок бүгүн мени угуп коюңуз.

- Сиз эмнеге түшүнбөйсүз? - Кыз ачуулуу карады.

- Мен сизди сүйөм Самар, чынында эч кимге ыраа көрбөй жатам, жолугушуп сүйлөшүп туралы жок дегенде.

- Болуптур, мен үйгө кирип чыгайын, күтө туруңуз, - деген Самар аны алдап дароо кирип кетти.

Шабдан машина жакка басканда Карим аны кетти го деп жолуна түштү. Самар ичкери кирип бөлмөсүнө өтүп кетти.

Бир кезде Шабдан күтө берип тажаганда телеграфка кирди да үйүнө телефон чалды.

- Ало, бул ким экен? - Трубканы Лариса алды.

- Саламатсызбы, бул мен, Шабдан.

- Аа-а жакшы, иштериң кандай?

- Жакшы жеңе, Самарды чакырып коесузбу?

- Ал келди бекен, карап көрөйүнчү, - Трубканы коюп Самар жаткан бөлмөгө баш бакты, - Кызыке, бир жигит чакырып жатат.

- Ким экен?

- Атын айпады.

- Азыр, - Самар туруп телефонго келди, - Ало, угуп жатам, - деди эле ар жактан Шабдандын үнү угулду.

- Самар, мен сени күтүп жатам.

- Бекер күтөсүз, - деп трубканы коюп бурула бергенде кайра чырылдады, жини келе жетип, - Күтпөңүз дедим го, катуу капа болуп каласыз, - дегенде Каримдин үнү угулду.

- Самаш, сага эмне болду, эмнеге ачууң келди?

- Аа-а, сенсиңби, Карим?

- Ооба, тынч эле кирдиңби үйгө?

- Тынч эле…

- Бирөө капа кылдыбы?

- Жо-жок, кабатыр болбо, баары жайында.

- Макул анда, жакшы жатып жакшы түш көр.

- Өзүң дагы, жакшы жат, - Трубканы коюп бери бурула бергенде Мамытбек менен беттеше кетти - Аке…

- Ким экен телефон чалган?

- Аа-а, мм, Шабдан го…

- Аа-а, - деп коюп Мамытбек ички бөлмөгө кирип кетти.

Жооп тапканына кубана түшкөн Самар "уф" деп алып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Жарым саат өтүп өтпөй кайра телефон чырылдады, Лариса ала койсо Шабдан экен, аны менен сүйлөштү да тим болду.

Ошонун эртеси Самарды Шабдан ала качып алды. Ботодой боздоп ыйлаган Самарды Мамытбек өзү токтотуп келди, айылдан ата-энеси келди, кыздын бактысын тилешти, кыз тынаар жерине ыйлап барат деп тынчтандырып коюшту.

Карим күндө чалып көрмөк болуп эртеси түш ченде чалды эле Лариса ала койду.

- Ало, ким экен бул? - деди кулак түрө.

- Саламатсызбы, Самар бар болду бекен?

- Сурап жаткан ким?

- Мм, мен, Карим…

- Самар турмушка чыгып кетти.

- Качан? - Каримдин үнү өзгөрүлө түштү.

- Бүгүн, ала качып кетишти.

- Кантип, ал башкага кетиши мүмкүн эмес!

- Кызды ала качса айласы канча, чоң жигит? Пешене менен эсептеше албайсың, буйрук экен, айла жок.

- Кеч-кечиресиз… - Карим башына бирөө байкоосуздан келтек менен чаап жибергендей болду.

Трубканы коюп теңселе басып эшикке чыкты: "Баары бүттү, ушундай болмок, мен сезгемин ушундай болоорун, а балким атайын эле ошентип коюшкандыр, мени үмүт үзсүн дегендир, кыскасы мага ыраа көрүшпөдү, мүмкүн тагдырым ушундайдыр. Самарчы, ал кантип жатат болду экен, өзү каалабаган адамга ал деле отурмак эмес, жалган айтты окшойт", - деп үйүн карай келе жатып Самар жашаган үйдүн алдына келип калганын сезбеди, бир кезде эсине келип караса эле кечээ көргөн үй: "Кирип сурап көрөм, балким Самар өзү эшикти ачып калышы мүмкүн", - деген ойдо экинчи кабатка көтөрүлүп тогузунчу эшикти тыкылдатты.

- Ким? - деген үн чыкты ичкериден, жаш баланын үнү угулду.

- Мен, Самарды айтып коесуңбу?

- Самар эжем жок, - деп он-он бир жаштардагы бала эшикти шарт ача койду.

- Кайда кетти эле?

- Күйөөгө тийип кеткен.

- Каякка?

- Билбейм, атамдар билет го?

- Болуптур жигит.

Карим кайра артына бурулду: "Самаш, сен экөөбүзгө ушунча тоскоолдук кылгандай эмне жамандык жасадык эле, неге сени кетирип жиберди, демек сөз бекитип койгон экен да, акыбалың кантип жатты экен, ыйлап отурасыңбы же мени алдап жүрдүң бекен, андай болсо бактылуу болуп отургандырсың", - деп кечке ой келди басып жүрдү. Кечинде келгенде Расул аны бир карады да:

- Ийи жигит, маанай жок го? - деди.

- Жайында эле, - Көңүлсүз бөлмөгө өтүп кетмек болду.

- Кыздарга ишенбеш керек иним, Мамытбекти Орозалиевге куда болуптур деп уктум, - деди атайын уксун дегендей.

- Ал ким эле?

- Орозалиев деген Кыргызстанда белгилүү генерал, кримдүйнөсүнүн баш көзүрүнүн досу дешет, айрыкча биздин коомдо военный күчтүн эң ишенгени ошолор, оңой киши эмес, кабылгандар жок болуп кетет, баласы айыл чарба министринин орун басары.

- Ошондой экен да, күчкө салып эле алып кеткен экен да.

- Ким билет, бийлик менен байлыкты кыздар дагы жакшы көрүшөт эмеспи, азгырылгандыр кызматына.

- Жо-ок, Самар андай кыздардан эмес болчу.

- Иши кылса башыңды көтөр, өзүңдү чөгөрбөй окууңду улант.

- Аманов менен Орозалиевдин тааныштыгы болгонбу?

- Алар мурдатан теңтуш болчу, Орозалиев менен менин да мамилем жаман эмес, буйруса тоюна барабыз го, ошондо көрөм сен сүйгөн кызды, - Расул инисине карап жылмайды. - Кыз балдар жылтыр-жултурду жакшы көрөт, Орозалиев дегенди карышкыр дешет, баласы андан ашып түшпөсө кем калбайт, иним. Эми өз келечегиңди ойлон, андай эле үйлөнгүң келсе үйлөн, мен жардам берем, макулбу?

- Макул, - Карим башын жерге сала жооп берди.

- Кардыңды тойгуз да эс ал, эртең сабагыңа барасың.

- Кардым ток аке.

- Бир кыз деп ачкадан өлмөк белең, Сабира Каримге тамак берчи! - деди ашкананы көздөй үн катып.

- Тамак даяр, өзүң дагы колуңду жууп келип отур, - деди Сабира ашканадан.

- Жарайт, иним экөөбүз сүйлөшкөнчө тамактаналы, - деп Каримге кайрылды, - Кыз кайсында окуучу эле?

- Пединститутта.

- Мугалим болот экен да.

- Ошондой.

- Мен бир кызды тааныштырам, жеңем деле билет болуш керек, ошол эле биздин айылдан болот, медучилищада окуп жатат, абдан жакшы кыз, - деп Расул Каримди сынай карады.

- Биздин айылдан кимдин кызы?

- Абдраимдин кызы.

- Аа-а, билем аны, - деген Карим аскерден келгенде көргөн кызын элестетип алды: "Жакшынакай кыз болгон чыгаар, медучилищада окуса дурус эле экен, бир көрөйүн, Самарды унутуу үчүн дагы үйлөнүшүм керек", - деп ойлоп агасын карады, - Ал өтө эле жаш болсо керек?

- Жо-ок, быйыл бүтөт деген, практикага чыгып быйыл жүрбөдүбү.

- Аа-а, - деп койду Карим.

- Айылдык кыз, тарбиялуу неме дешет, атасы Абдраим жоош момун адам, сага ошондой кыздар керек иним, тиги кыз менимче жашынан шаарда өстү, Мамытбектин колунда жүргөн, - деп алдыларына тамак келгенде гана сөздөрүн бүтүп тамакка карашты. Карим ойлуу бөлмөсүнө киргенден кийин дагы Самарды ойлонуп жатты: "Чын эле кызматына карагандыр, болбосо отурбай койсо болот эле го, мен ага ишенип жүрсөм ал мени алдап жүргөн го. Жо-ок, көздөрүндө сүйүү жанып тураар эле го, зордук менен алып кеткен экен. Орозалиевдин кысымынан болуп жүрбөсүн, крим дүйнө бийликтегилер менен тыгыз байланышта болот эмеспи, демек Мамытбек дагы ошондон корккондур", - деп уктай албай бөлмө ичинде аркы-терки басып жүрдү. Таң агарганда ваннага жуунуп алып сабагына жөнөдү. Канчалык кыжаалаттык менен убакыт өткөрсө дагы сабагынан калган жок, бирок саат, мүнөт сайын Самарды унута албай жаман болуп жүрдү, антип-минткиче кыш келип кыш чилдеде сессия баштады. Карим шашыла тапшырып коюп эптеп Самарды көрсөм деп дегдеп пединституттун алдына келип күтө берет, үч күндөн кийин: "Ал келбейт окшойт, бир телефондун гудогу менен эле окутуп коюшат да, демек ал келбейт", - деп эми кеткени жатканда кыздар менен ары жактан келе жаткан Самарды көрүп калып утурлай басканда аны көрө калган Самар тык токтоп калды:

- Самар! - Карим жетип келип эки-үч кадам жерден токтоп калды, - Самар, кандайсың?

- Жакшы.

- Сессияңды тапшырдыңбы?

- Тапшырып жатам.

- Ал-акыбал кандай?

- Дурус, - Жанындагы кыздар ары басып кетишти, - Карим, мени кечирип кой, сөзүмө тура албадым, - Самар жер карады.

- Билем Самаш, сенде күнөө жок, тагдыр кошподу экөөбүздү. Күйөөң кандай, сага жакшы элеби? - Карим баягысындай ага жакындай албай чоочун адамдай сурап жатты.

- Дурус эле…

- Бош болсоң бакка бир аз отуралы.

- Жок, азыр Шабдан келип калат.

- Коркпо, таанышып коеюн, - Карим күлүп калды, - Же ичиң ачышып кетеби?

- Жо-ок ай, тим эле койчу Карим, эми экөөбүз башка адамдарбыз, жакын турсак да арабыз күн менен түндөй болуп калды.

- Самаш, болгону жарым саат, жок дегенде сүйлөшүп отуралы, мен сени көргүм келгенде бакка келем, таанышкан күндү эстейм, сени ойлоп кызганып кетем, күйөөңдү барып өлтүрүп салгым келет, бирок сени аяйм Самаш, сенсиз мага аябай жаман болуп күндүн кандай өткөнүн сезбей калчу болдум, - Карим аста келип Самардын колун кармамак болгондо ал тартып алды:

- Карим, кудай кошпогон соң аргабыз канча, эми өз тагдырыбыздан көрөлү, мени унут, сен дагы багыңа туш келген жакшы кызга үйлөн, бактылуу бол, - деди да ары жакка келип токтогон волганы карады, - Жашообузга кара так калтырбайлы, менин жолдошум келди, аман бол, - Түз басып волганы көздөй кетип баратканда эмне кылаарын билбей делдейе карап турган жеринде катып калды, ызасынан көзүнө эч нерсе көрүнбөй: "Бактылуу бол туңгуч сүйүүм, сен менчелик сүйгөн эмес экенсиң, айла канча, түбөлүк карааныңды бир көрүүгө зар болуп, атың жүрөгүмдө жазылган бойдон жашап каласың, бактылуу бол", - деп качан гана волга ордунан жылып зымырай жанына өтүп кеткенде ордунан жылды. Башын чулгуй эки жагын карап алды да ылдамдай басып баратканда артынан тааныш үн угулду, бурулуп караса Гүлнара экен.

- Карим, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Ойдогудай, сен Самарды көрдүңбү? - Күйүгө суроолуу карады.

- Ооба көрдүм.

- Сүйлөштүңбү?

- Сүйлөшкөндө эмне, бактылуу болсун.

- Кызык, сүйүү ушул болсо…

- Эмнеге андай дейсиң, Гүлнара?

- Бири-бириңерди кандай гана сүйчү элеңер, бат эле ушинтип калса сүйүүнүн эмне кереги бар, Самар унчуккан жокпу?

- Жок, күйөөсү келип калды.

- Оо кудай, мен дагы корком, байкуш Самар аргасыздан ошентти го ээ, болбосо кызматына азгырылды бекен?

- Билбейм, тагдырдын тамашасына көнбөскө аргабыз барбы?

- Аның туура дечи, силерди агасы эле ажыратты, тикелей каршы болуп туруп алды да, көрсө сүйлөшүп койгон го? - Гүлнара бежиреп сүйлөп жатты, Карим анын сөзүнүн бирин укса, бирин укпай баш ийкеп коюп ойлуу тура берди, - Эгерде мени башка бирөө ала качып кетсе эч качан отурбайт болчумун.

- Кыздардын баары бирдей эмес да, эрктүүсү, эрки жогу болот, - деп Карим Гүлнараны карады, - Жигитиң барбы?

- Бар, бирок ал эч качан сүйөм деп айта элек, а мен анын мамилесинен, көздөрүнөн көрүп турам, күндө келип турат, жолукпай калсак экөөбүз тең жаман болуп кетебиз, - деп кубанычтуу айтып жатты, - Ал өзү көп сүйлөбөйт, ар бир майрамда белек берүүнү унутпай, ал эми күн сайын келгенде гүл көтөрүп келет.

- Демек ал сени катуу сүйөт экен да?

- Өзүм дагы ошондой деп ойлойм.

- Кай жерлик болот?

- Аксылык.

- Канча жылдан бери сүйлөшүп жүрөсүңөр?

- Эки жыл болду.

- Оо жакшы жүрүпсүңөр, бири-бириңерден тажай элексиңерби?

- Жо-ок, тажамак тургай сагынышып турабыз.

- Окуйбу?

- Иштейт, жумушчу болуп иштейт.

- Сен анмушчу деп жээрибейсиңби?

- Жо-ок, мен ошонусун кайра сыймык менен айтам, сыйлайм, - Гүлнара көздөрүн жайната караганда Карим кызды көз токтото ойлуу карап калды: "Самарда мындай сезим болбосо керек, көрсө ал байлык менен бийликти адамдык касиеттен жогору көрөт экен да, болбосо кылчайып койбой басып кетмек беле, мансапты сүйгөн жан экен да", - деп мелтиреп калганда Гүлнара аны колу менен түрттү, - Сага эмне болду?

- Аа-а, эч нерсе, - деп козголуп, - Гүлнара, мен кетишим керек эле, - деди ага карай.

- Ооба-ооба, мен дагы кетишим керек.

- Айсулуу келген эмеспи?

- Ал эрте тапшырып кеткен.

- Экөөңөр ажырашчу эмес элеңер, кантип бөлүндүңөр? - деп Карим күлө карап бак ичинде жай басып баратышты.

- Анын апасы катуу ооруп жаткан экен, ошол үчүн эрте кетти.

- Аа-а, себеби бар тура.

- Ооба, эртең менен ыйлап келиптир, айылынан кат келген экен.

- Жакшылык болсун, эмесе көрүшкөнчө, Гүлнара, - Карим колун сунду, - Тааныштардай көргөн жерде учурашып жүрөлү, - Колун бекем кысты.

- Ооба, учурашып жүрөлү, жакшы жүр, - деди Гүлнара, экөө эки жакка бөлүндү.

Карим улам эле Самарды эстеп ичи ачыша берип үйүнө кеч келип жатып калды: "Эмнеге жолуктум экен, көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт элем, сүйүүдөн жаңылдым, сүйүүнүн көзү сокур деген чын тура, кадырын билбеген адамдын эмнесин эстейин, бактылуу болсо болду", - деп ойлонуп жатып болгон ич күптүсүн чыгарып, жонунан чоң жүктү алып таштап жеңилдегиси келди, Самардын элеси көз алдына келгенде жүрөгү "зырп" эте сайгылашып кетти: "Сен менин жүрөгүмдү ээлеп алганың өмүрүм өткөнчө арман болуп калды го", - деп оор күрсүнүп туруп алып сабагын окумакка үстөлгө келди. Китептерин ачып отуруп Самар экөөнүн түшкөн сүрөтүн көрө калып дагы ичи тыз этип алды: "Кайда барсам да көз алдымдасың Самар, неге мени башкага алмаштырдың, же сенин сүйүүң аманат беле", - деп аны карап бир саамга отуруп кайра салып коюп отуруп калды. Каримдин ар бир кадамы, ар бир мүнөтү ойлонуу менен өтүп акырындап унутулуп баратты. Анткени ага Самардын мисирээ басып кеткени жакпады, көңүлүн муздатты, кадимкисиндей сабагына жан дили менен киришти. Ага өзүнүн курсташы Айна деген кыз сыртынан ашык болуп жүрчү, ошол бир күнү туулган күнүнө чакырып калды, беш-алтоо чогулуп жатаканага гүл көтөрүп барышты да кайра чыгышты, аны курбусу өз үйүнө чакырган экен, баары анын үйүнө барып туулган күнүн өткөрүүгө дасторкондо отурганда Айна Каримдин жанына отуруп калды. Курбусу Ширин аны төргө отургузуп, баарын даярдап тейлеп жатты. Карим эч кимиси менен сүйлөшпөй ар кимисин карап күлүп коюп отурганда Айна ага:

- Карим, сенин дегеле бирөө менен мамиле түзгөнүңдү мен көрбөдүм да, мүнөзүң ушундайбы? - деди.

- Эмнеге, досторум бар.

- Кыздарданчы?

- Кыздарга ишенбейм.

- Неге?

- Билбейм.

- Карим, Айна, шыбырашпай сөзгө кулак салгыла, - деди Ширин аларга кайрыла, - Кана балдар-кыздар, биздин бүгүнкү чогуу бир дасторкондо отурганыбыздын башкы себепкери Айна. эмесе Айнаны бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайбыз! Кана кыздар-балдар, кут-тук-тай-быз! - дегенде баары чогулуп кыйкырып киришти.

- Кут-тук-тай-быз!

- Рахмат, балдар! - Айна тура калып баарына карап жылмайды.

- Айна, көп жаша, туулган күнүң кут болсун, - деди Карим дагы аны куттуктап колун кыса.

- Рахмат.

- Айна, - деди Турат деген жигит ордунан туруп, - Бүгүнкү туулган күнүң менен, келечекте оорулуулардын дабаасы болгон татыктуу дарыгер болушуңду каалайм.

- Баарыңарга рахмат, - Айна ар бирине ыраазылык билдирип жатты.

Тамактанып, кыздарга кызыл винодон куюп бака-шака болуп ошол түнү таң атканча отурушту. Таң ата үйдөн чыгышып шашыла жатаканага барып жуунуп таранып алышып сабакка ашыккан студенттер, Карим үйүнө кирип кийимин алмаштырды да сабагына келди. Ал келгенде студенттер чогулуп калышкан экен, четте Айна менен Ширин турган, Карим алардын жанына келди.

- Кандай, кыздар?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, эс алдыңарбы?

- Кайдан, лекция болуп жатса биз шылкылдап турбасак болду, - Ширин күлүп калды.

- Эч нерсе эмес, Айнанын көңүлүнөн уйку айлансын.

- Карим, сен дагы сүйлөйт экенсиң ээ? - Айна ага жылмайып күлө карады.

- Мен деле адаммын го?

- Билем, бирок сен аябай түнттөй көрүнөсүң.

- Тескерисинче, мен тийишкенде кыздар качып жоголушат.

- Бизге тийишип көрчү анда, - Ширин аны тамашалады.

- Чынын айтсам экөөңөрдү тең сүйүп калдым.

- Эмне дейсиң? - Ширин көздөрүн алайта карады.

- Эй Ширин, сен ошого ишенип жатасыңбы? - Айна курбусуна карап күлдү, - Сен адегенде эле качасың го?

- Эмнеге качмак элем?

- Карим ушул убакка чейин кыз сүйүп көрбөптүр, экөөбүздү көрүп бири-бирибизден бөлгүсү келбей сүйүп калган тура, мисалы мен кубанып турам, - Айна каткыра Каримге кайрылды, - Сен чын айтып жатасыңбы, Карим?

- Калп айткан жигиттерден тажагансыңар го?

- Дегиңкисин айтканда алдамчы жигиттер көп да.

- Кыздарчы, назик жылмайып алып, ийиниңе башын жөлөп, "сүйөм" деген сөзүн миң кайталап эркелеп, көздөрүн жалжылдата назы менен алдап жүрүп башкасына кетип калганычы?

- Ой Карим, сенин кыздардан көңүлүң катуу калганбы дейм? - Айна ага суроолуу карады.

- Аябай, аябай калган, Айна.

- Ким экен ал, сенин көңүлүңдү көк таштай калтырган.

- Ал ички жеке сырым.

- Мына сага, биз сага жетпей жүрсөк сени алдаганга башкалар жетишиптир да?

- Ошондой, көңүл муздаган соң башкаларга керегим жок экен деп абдан чөгүп кеттим, же мени сүйчү кыз жок.

- Кыз бечара сүйөм деп өз сүйүүсүн жеткире албаганы өкүнүчтүү, - Айна ойлуу аудиторияга кирип бараткандарды көз кыйыгы менен карады, - Жүргүлө кирдик.

- Өлгүдөй уйкум келип жатат, - Ширин курбусуна шыбырай кошо басты, үчөө ээрчише кирип ордуларына отураары менен окутуучу кирди.

Карим Айнаны көз кыйыгы менен карап коюп отурду: "Балким бул деле Самардын өзүдүр, сыртынан баары эле жакшынакай көрүнүшөт, өздөрү алдамчы, амалдуу болушат. Айна деле дурус кыз окшойт", - деп окутуучунун айткандарын укпай калган экен:

- Юнусов, сен эмнени ойлонуп жатасың? - деген окутуучунун үнүн укканда ордунан тура калды:

- Агай, угуп жатам.

- Адамдагы оорунун вирустарынын көбөйүшү жөнүндө деген талкууга эмне дейсиң, кошумчаң барбы?

- Агай, эсимде жок, - дегенде студенттердин баарысы күлүп ийди эле Карим уялып кетти.

- Отур, жакшылап угуп отур!

- Кечиресиз, - Карим отуруп алып досканы карап ойлуу отуруп сабак бүткөндө эшикке чыкты. Ошондон баштап Айна менен Шириндин жанынан чыкпайт, Турат аны байкап калып Каримди жаман көрө баштады, бирок сыртына чыгарбайт. Бир күнү Турат Каримди күтүп турган кыздарды көрүп басып келди:

- Айна, сенде сөзүм бар эле, бир мүнөткө келсең.

- Кандай сөз? - Айна таңгала сураганы менен ордунан жылбады. Айта бер убактым жок.

- Келсең эми.

- Турат, жашыруун катпай ортого эле айтчы, менин курбумдан жашыра турганым жок.

- Болбойт, өзүңө айтам.

- Анда бара берсең болот.

- Айна!

- Турат, чынын айтсам бара албайм, - Айна терс бурулуп кетти.

Турат алардын жанына келип:

- Кимди күтүп жатасыңар? - деди.

- Эч кимди, кимди күтмөк элек?

- Билем, силердин кимди күтүп турганыңарды, - Турат чыйт этип түкүрүп койду, - Жанагы жүн баш Каримди күтүп жатасыңар, чынбы? - Ырсая күлүп койду, жүзүндө ыза турган эле.

- Турат, биз кимди күтөбүз өзүбүз билебиз, ал эми сенин минткениң болбойт, эки жылдан кийин ар кимибиз ар жакка, турмуш жолубузду улантууга тарап кетебиз, сый болгонубуз жакшы эмеспи?

- Артыңардан ээрчип жүргөндү байкабай жүрсөңөр анан, - Кызаңдай кетти, - Мен деле байкап жүрөм.

- Байкасаң байка, жашырынып корккудай мектептин окуучусу эмеспиз, кимди жактырабыз, ким менен басабыз, тартынбай басабыз, - деп Айна жини келе сүйлөдү.

- Турат, сени биз курсташ катары көрөбүз, ортобузда сый болсун, - деди Ширин сөзгө аралаша.

- А Каримдичи?

- Ал дагы курсташ, башка дагы эмне керек?

- Айна, - деди Турат Айнаны колунан ала ары карай жетелеп, - Менин сенде бир гана сөзүм бар, угуп койчу.

- Кое бер дейм.

- Сөзүмдү уксаң кое берем, - Ширинден алыс жетелеп баратканда ары жактан Карим көрүндү, - Айна, Айна, мен сени көптөн бери жакшы көрөм, кечинде киного барып келбейлиби?

- Жок, менин киного көңүлүм жок.

- Ресторанга алып барайын.

- Кереги жок.

- Эмне болду

? - деп Карим жете келди алардын жанына.

- Эчтеке, сен өз жолуң менен болчу!

- Турат, эмнеге тиртеңдейсиң, сенин кызыңа тийишкеним жок го? - Карим токтоо карады, - Кыз баланы эмнеге минтип жатасың, кое бер!

- Сен кимсиң, мага буйрук бергидей?

- Буйрук бергеним жок, айтып жатам.

- Бара турчу, менин Айнада сөзүм бар.

- Менин сенде сөзүм жок, кое бер, Турат, - Айна кыйкырып жиберди.

- Кое берем, Карим кетсин.

- Кетпейт, Каримдин көзүнчө айта бер!

- Айтса айтам эле, - Турат Каримдин маңдайына келди, - Мен Айнаны сүйөм, билип туруп аны менден көз көрүнөө алыстатып жатасың.

- Карим, калп айтат, мен аны сүйбөйм.

- Баары бир кое бербейм, Карим бул жерден кетсин!

- Турат, жинди болбо, сен аны сүйгөнүң менен ал сени сүйбөсүн түшүнгөн соң эмнеге жабышып жатасың? - Карим ага тиреле калды, - Кое бер кызды!

- Турат, сенин мунуң жарабайт, - Ширин дагы жетип келди.

- Кое берем, бирок сен анын жанына жолобой жүр.

- Ал менин жигитим, сен ага тыюу сала албайсың! - деп Айна Тураттын колун катуу булкуп бошонуп алып Каримдин артына жашынды, - Айтчы Карим, биз кыз-жигитпиз ээ?

Карим не дээрин билбей бир саамга аларды карап туруп анан:

- Ооба, биз кыз-жигитпиз, - деди аста гана.

- Калп, мен сага көрсөтөм, Карим, - деп Турат жиндене басып кетти, кыздар унчукпай туруп калышты, Карим оңтойсуздукту оңдоого аларды карап:

- Кыздар капа болбогула, мындайлар жаш кезде боло берет, - деди алакан жая күлүп, - Сулуу кыздарды кимдер сүйбөгөн, сулуу кыздар үчүн кимдер мушташпаган, андан көрө көңүлүңөрдү көтөргүлө.

- Көңүлгө жакпагандар үчүн азап чекким келбейт, - Айна ызалуу сүйлөдү, - Жашоо кызык, өзүң сүйгөн адам сени сүйбөсө, сүйбөгөндөр артыңдан ээрчип жүргөнүнө жиниң келет.

- Ошону айтсаң, - Ширин да курбусун коштоду, - Азыр бизге сүйүүнүн кереги эмне, башкысы окуп билим алып алсак андан кийин көрөбүз.

- Туура Ширин, окуш керек, билим алып алгандан кийин баары болот, эмитен сүйүү деп сабакты окубай алаксыганда болбойт, - деп Карим аларды кубаттады.

Үчөө көпкө ары-бери басып жүрүштү, Айна улам Каримди көз кыйыгы менен карап коюп баратты, көптөн кийин:

- Карим, сенин кызың барбы? - деди.

- Жок, али кыз күтүүгө эрте, - Карабай туруп жооп кылды.

- Кантип эле, ушул убакка чейин кыз сүйүп көрө элексиңби?

- Чын айтам, сүйө элекмин.

- Таңгалыштуу, кээ бирөөлөр сүйбөсө да сүйөм деп кадырына жетпей беш күндөн кийин боюна болтуруп коюп таштап кетип жатат го, жок дегенде калп болсо да бирөөнө сүйүүңдү арнадың беле? - Кызыга жооп күтүп калды.

- Айна, калп сүйөм деп бир бечара кыздын үмүтүн улагыча чындыкты айтып, өз сүйгөнүңдү тап деген кеңеш бермекмин.

- Азамат, мен сени сүйүүгө да, достукка да жана жашоодогу бардык бакыт-таалайга татыктуу деп эсептейм, - деп Айна ойлуу токтоп калды. Ал Каримдин айткан сөзүн түшүндү, атайлап өзүнө айтылгандай сезди, өзүн ыңгайсыз абалга калтырган бул жигиттин жүрөгүн бийлей албасына көзү жетти, - Эмесе биз дагы кайталык, үйдөгүлөргө телефон чалышым керек эле, телеграфка барам.

- Кетели, - Ширин да баш ийкеди.

- Эртеңге чейин, кыздар, - Карим алар менен кол алыша коштошуп жатканда Гүлнара менен Айсулуу келип калды.

- Кандай, Карим?

- Кандайсың?

- Жакшы, өзүңөр кандай, сессия бүттүбү?

- Эки күндөн кийин айылга кетебиз го.

- Аз болсо да эс алып кайтат экенсиңер да? - Карим алар менен сүйлөшүп жатканда Айна менен Ширин кете албай туруп калышты, - Гүлнара, Айсулуу, бул кыздар менин курсташтарым, - деди Карим экөөнү жаңсай, - Ал эми бул эки сулуу келечектин педагогдору.

- Таанышканыбызга кубанычтабыз, атым Гүлнара, бул Айсулуу.

- Биз дагы, менин атым Айна, а бул курбумдун аты Ширин, - деп Айна жылмайып койду.

- А биз башкача ойлоп жатпайбызбы, - Айсулуу Каримге кайрылды, - Самар сүйүүсүн тоготпой кеткендиктен заматта айдай сулуу кыздардын бирин эмес экөөнү таап алган экен деп.

- Эмне дейсиң? - Айна Айсулууну карады.

- Айсулуу, мындай сөздүн кереги эмне? - Карим Айсулууну жактырбай карады, - Сүйүүнү түшүнбөгөн адам үчүн убактымды короткум келбейт.

- Кечир Карим, тамашалап койдум.

- Эч нерсе эмес, бирок ойлонуп сүйлөшүң керек эле…

- Жалган беле, кыз сүйгөн жигит тагдырына таарынып өмүрүн бошко кетирмекпи, сүй-сүйдүр сен дагы, - Гүлнара Каримди жайкап сүйлөдү, - Самар сүйүүнүн кадырын билмек, бирок ал бир тууганынын сөзүнөн чыга албай калды.

- Мейли анда кыздар, мен кетишим керек, - Карим ушинтти дагы алардан алыстап басып кетти.

Бири-бирин караган кыздар унчугушпай саамга турду, бир аздан кийин Гүлнара кыдырата карап:

- Кыздар, бизди кечирип койгула, Карим өз сүйгөнүн унута албай жүргөндө катуу айтып алдык окшойт, - деди да Айсулууга кайрылды, - Биз кетели эмесе.

- Кеттик анда, - деп Айсулуу аны менен кошо басты.

- Жакшы баргыла, - деген Айна өзүнчө ойлуу карап калды: "Карим эмнеге эле көп сүйлөбөйт десе ичинде кыздарга жек көрүү сезими бар тура, кандай кызды сүйдү экен, эмнеге таштап кетти, балким ал Каримди сүйбөсө керек", - деп ойлонуп жатты.

Күндөр өтө берди, ошондон кийин Карим сабакка келсе дагы Айнага жолугуудан чочулап, келгенде баш ийкеп учурашат да андан кийин көрүнбөй калат. Айна ашыктыктын азабын тартып эси-дарты Каримде, жанына барып сүйлөшкүсү, катар басып көңүл ачкысы келет. Көзүнө көрүнгөндө ага сүйлөй албай дептерин кармалап алдастап калат, учурашканда жүрөгү зырп этип жаны жай албай жомоктогудай сүйүүнүн башкы каарманы болгусу келет…

Самар Каримге токтоолук кылып муздак учурашып басып кеткени менен жүрөгүндө армандын күүсү чертилип, жүрөгү Шабдан үчүн ого бетер таштай катып туруп алды: "Кечир мени Карим, мен ошентүүгө аргасызмын, сен экөөбүздү кудай кошпогон соң бизде кандай чара, сенин жүрөгүңдү оорутканыма өзүмдү кечире алат дейсиңби, жүрөгүм миң жеринен тилинип, сай-сайлап кан сызылган сайын сени эстеп көзүмдөн жаш ордуна кан агып отурам", - деп үйгө киргенден бөлмөсүнөн чыкпай ыйлай берди. Анын бөлмөсүнөн чыкпаганынан улам кайненеси Кантчайым бөлмөсүнө баш бакты, уул-келининин бөлмөсүнө баш бакканы ушул эле.

- Кызым, чыгып тамактансаң боло, - деди.

Самар тескери карап спальныйда ыйлап жаткан, көз жашын аарчып:

- Апа, азыр чыгам, - деди акырын.

- Кардың ачт
- Ооба, барам апа, - деп козголуп туруп жатканда Кантчайым эшикти жаап коюп ары кетти, ошол убакта жумушунан Шабдан келип калды:

- Апа, Самар кайда? - деди кирип келип эле.

- Бөлмөдө балам, азыр келет, тамак даяр, отура тур.

- Азыр, барып көрөйүнчү, - деп бөлмөсүнө кирди, - Самаш, сага эмне болду, окуу жайдан келгени эчтеке иче элексиңби? - деп келип келинчегин кучактап өөп, - Жүрчү менин периштем, - деди да колтуктап жөнөдү.

- Мен жуунуп алайынчы.

- Кардыңы тойгуз, анан жуунасың, - Маңдайын сылап ээгин көтөрдү, - Самаш, сен ыйладыңбы? - деди кабатырлана.

- Жок, ыйлаганым жок, - деп бурулуп кетти.

- Көздөрүң кызарып калыптыр.

- Уктагандыкы го…

- Макул, жүрү тамактаналы, менин кардым ачты, - Шабдан ийинден ала кучагына кысып эшикке алып чыкты, тегерек үстөлгө отуруп тамактанышты. Самар Шабданды көргүсү да келбейт, бирок улуу кишилерди сыйлап кабак-кашын ачып эч нерсе билбегендей болот, анын үстүнө Лариса тез-тез келип турат. Ал келген сайын ага акыл-насаатын айтып агасы менен ата-энесинен салам дуба айтып бежиреп кетет. Күн кечтеп калса дагы келип калыптыр.

- Келиңиз, жеңе, - деп Шабдан бакылдап тосуп алды.

- Келдим, кандай жатасыңар, кызыкемдин ал-ахыбалы жакшыбы?

- Баары жакшы жеңе, ичкери кириңиз.

- Куда-кудагыйлар жакшы жатышабы?

- Жатышат, - Шабдан эшик ачып ичкери ээрчитип кирди. Кантчайым менен учурашып анан Самарды чакырды, ал келип учурашып жанына отураары менен:

- Кызыке, көңүлүң чөгүңкү го, эмне болду? - деди.

- Жеңе, баары жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Кудайга шүгүр, баары салам айтышты, - Лариса Самарды акырын нукуй сыртка ээрчитип чыкты, эшигинин алды карга толуп, айланадагы бак-шактын баары апаппак, жылуу кийине үйдүн артына барышты; - Сен али да баягыңды унута элексиң го. Шабдан абдан жакшы жигит, иши да жакшы, мына-мындай жашоого туш болдуң, багың бар экен кызыке, акең сени жакшы жүрсүн, Шабданды сыйласын дейт.

- Жеңе, ушундай жашоодон көрө бир сарайда жашасам болмок. Менин көңүлүмө, жүрөгүмө эмнеге бир жолу карап койсоңор эмне болот эле, же ушул заңгыраган мечитке окшогон үйдөн өлүгүм чыкса ыраазы болосуңарбы? - Самар дагы көз жашын төгүп жиберди, - Мени тирүү өлүк кылдыңар, деги табаңар кандыбы, мен азыр Шабдандын жансыз куурчагымын.

- Ай-ай кызыке, анчалык катуу болбо, кайненең билип калса эмне дейт? Баласы кадыр-барктуу жумушта иштейт, табышкерлиги жанда жок экен, мындай күйөөгө тийе албай жүргөндөр канча?

- Ошо тийе албай жүргөндөрдү таап берсеңер болмок.

- Сени бактылуу кылалы дедик да.

- Ушундай бакыттын менден башкага кереги болбосо…

- Кесирлүү болбо, эсиң бар жансың, мен сага ишенем, өзүмдүн эле кызымдай көрөм. Кызым жок, өзүң билесиң. Тилимди ал садага, Шабдандын кадырын ойло, жүрү үйгө кирели, үшүп кеттиң го, - деп ээрчише ичкери киришти, - Кудагый капа болбоңуз, кызыкеме апам салам дуба айтты эле, ошону сүйлөштүк.

- Эчтеке эмес кудагый, сүйлөшпөй анан, келин деле сагынды окшойт, кээде көзү кызарып ыйлап калчу болду, мен да бир кезде келин болгомун, түшүнөм, кудагый, - деп Кантчайым күлүмсүрөй карады.

- Эмки айда төркүлөтөлү дейт атамдар, сиздер кандай дейсиздер кудагый?

- Эмне демек элек, куданын эшик төрүн көрүүгө биз да куштарбыз, ушундай уул-кызды багып өстүргөн адамдар менен бирге чай ичишкен рахат эмеспи.

- Рахмат кудагый, анда мен кетейин, жакшы туруңуздар.

- Жакшы бар кудагый, Мамытбек кудага салам айтып кой.

- Жакшы барыңыз, жеңе, - деп Самар менен Шабдан узатып калышты.

Самар кайрадан түнөрүп өз бөлмөсүнө кирди, келин болуп келгенине үч айдан ашса дагы жумуш жасай элек, Кантчайым бир сиңдисин алып жүрөт, баарын ошол жасап, кир-когун да ошол жууп тазалайт.

Керээлден кечке жалгыз бөлмөсүнөн чыкпаганын көрүп Кантчайым кээде өзүнчө кобуранып алат, бирок ачык айтып капаланбайт. Самарды кызым дегенден башка сөз айтпайт, кокус баласын сүйбөгөнүн билсе эмне болоорун ким билет, ал өз оюнда Шабдан менен Самарды өздөрү сүйлөшүп баш кошту деп ойлоочу. Орозалиев Аскар менен Мамытбек экөө сүйлөшкөнүн билсе да: "Жаштар эмеспи, бири-бирин жактырып баш кошту, мен өз кадырымды сактайын, келинге жаман көрүнбөйүн", - деген ойдо эле.

Шабдан кызматынан улам колу бошобой күндөп-түндөп талаада жүргөндүктөн Самар менен анча бирге боло албай калат, анын кабагы бүркөө экенин көргөндө: "Баары өтүп кетет, анысын унутат, акыры бүт жан дүйнөсү менен берилип мени сүйөт, мени менен жашайт, кайда бармак эле, жаман айтып көңүлүн калтырбайын", - деп кабинетинде отуруп ойлонуп алат. Көп өтпөй эле Самардын боюна болуп калды, бирок эч кимге билгизбей тымызын өзүнүн каалаганын алып жеп жүрдү. Бир күнү ал: "Эми балалуу болсок баары унутулат, бара-бара Шабданды жакшы көрүп баратам, жашоо табышмак деген ушул тура, Каримсиз жашай албайм дечү элем, жашап эле жатам, балалуу да болгону калдым, байкушум мени кечире гөр, томсоруп турганыңды эмдигиче эстесем жүрөгүм сыздайт, жакшы адамга жолугуп бактылуу болсоң экен", - деп улутунуп алды, ошол кезде ичи "бүлк" этти, колу менен ичин басып жылмайып алды. Шабдан ошол күнү абдан чарчап кеч келди, аны көрүп тура калып костюмун чечип илди да:

- Тамак ичесиңби? - деди.

- Бир аз эс алайынчы, чарчадым.

- Макул, - Самар аны ойлуу карап, - Шабдан, - деди.

- Оов, эмне болду?

- Шабдан, менин жүзүм жегим келип жатат.

- Самаш, азыр жок го дейм.

- Сен табышың керек, - деди жылмая.

- Жаным, сен үчүн меккеге барсам да табайын, эртең ээ?

- Унутпа, менин сага айтаар жаңылыгым бар, жүзүм алып келсең айтам.

- Кандай жаңылык?

- Айтпайм, - Самар кыткылыктап күлүп жатты.

- Жаным, сенин күлкүңдү көрүп чарчаганымды сезбей да калдым, - Шабдан Самарды жерден так көтөрүп тегеретип жатты, - Жаным, менин көпөлөгүм, секелегим!

- Шабдан, башым тегеренип кетти!

- Мына-мына, сенин кубанган жүзүңдү көрүп өзүмдү жоготуп койбодумбу? - деп жерге түшүрдү да бекем кучактап алып көзүн жума ойлуу кулагына шыбырады, - Эртең менин жумушума бар, экөөбүз ресторанда тамактанабыз, макулбу?

- Ма-акул.

- Самаш, жакында отпускага чыгам, каякка баргың келет?

- Билбейм.

- Москвагабы же Туркиягабы?

- Өзүң эле бил, менин аябай жүзүм жегим келип жатат.

- Эртең таптырып берем, макулбу, жаным.

- Макул, жүрү тамактаналы.

- Жүрү, сенин ушинтип турганыңды кандай гана күтчү элем? - деп жетелеше ашканага чыгышты.

Аскар менен Кантчайым эбак жатып алышкан эле, уул-келининин өздөрүнчө сүйлөшүп күлүп жатканын угушуп тим болушту. Шабдан бактылуу болуп турду: "Ооба, мен жеңдим, эгерде жаман айтып көңүлүн калтырсам, кызганып жүрөгүн оорутсам минтип куш болуп колума конуп бермек беле, ким билет", - деп жаркылдай кандай жакшы сөз айтып Самарды кубантаарын билбей турду. Эртеси жумушка кетип жатып эки бетинен өөп чыгып кетип түшкө жетпей бир ящик жүзүмдү айдоочусунан берип жиберген экен. Кантчайым аны көрүп:

- Ботом, муну Шабдан берип ийдиби? - деди.

- Ооба, эне.

- Киргизип кой, - деди да, - Самар, ээ Самар, бери чыкчы! - деди.

- Апа, эмне болду?

- Мына муну Шабдан берип жибериптир, үйгө конок келет деген жок беле?

- Жо-ок, айткан эмес.

- Ийи, мейли анда, - деп коюп отуруп калды, Самар жүзүмдөн көзү өтүп кайненесинен тартынып унчуккан жок, ошол убакта үй телефон чырылдап калды, - Самар, алчы кызым.

- Азыр, - Самар трубканы алды, - Ало, угуп жатам, аа-а сенби, азыр апамдан сурап көрөйүнчү ээ?

- Ал ким экен?

- Шабдан, менин жумушума кел дейт, апа.

- Бара гой кызым, барып кел.

- Азыр чыгам, - деп кайра трубканы кулагына кармап айтып жатты, - Болуптур, ооба алып келди, мына чыгам, - Самар трубканы койду да өз бөлмөсүнө кирип кийинип чыкты, - Апа, мен кетейин.

- Бара гой садагам, ээрчишип эле бактылуу үйдүн ээлери болуп жүргөнүңөр бизге кубаныч эмеспи, - деп Кантчайым жылмайып кала берди, Самар сыртка чыкса кызматтык машина туруптур, ага отуруп жөнөп кетти, аларды Шабдан ашыга күтүп турган экен, дароо эле ресторанды көздөй айдады. Экөө көпкө чейин тамактанып, андан кийин шаарды кыдырып сүрөткө түшүштү, паркка, музейлерге барышты, түнкү Фрунзенин кооздугуна суктанып басып жүрүштү. Үйүнө кеч келишкенде Аскар менен Кантчайым күтүп отурушуптур.

- Мынча эмнеге кечиктиңер, балам?

- Жөн эле, Самарга шаарды көрсөттүм.

- Баракелде балам, жакшы эмесе, - деп Аскар жүзүмдөн алып жеп койду, - Кудалар эртеңкиге чакырып жатат, мага телефон чалды.

- Качанкыга? - Шабдан атасын карады.

- Эртең барабыз, экөөңөр даярдангыла.

- Макул ата, эки күндөн кийин отпускага чыкмакмын, ошондо барсак жакшы болмок.

- Анда Мамытбекке айтайын.

- Ошондой болсун ата, эки күн айрыма тура, - деди Шабдан, андан кийин телефон чалып айтып коюшту да, өз-өздөрүнчө кирип кетти.

Самар кайнаталары кирип кеткенден кийин ашканага кирди да жүзүмдөн көп кылып жууп бөлмөсүнө алып келип алды.

- Шабдан, бирдеме айтайынбы?

- Айт алтыным, угуп жатам.

- Атам жүзүмдөн жеп алганына күлкүм келди.

- Эмнеге, жесе болбойбу?

- Эң биринчи жеп алса…

- Табышмактатпай айтчы жаным.

- Мен жүзүмгө талгакмын!

- Койчу, кантип эле? - Шабдан көздөрүн чоң ача келинчегин карап кубанганынан оозуна сөз кирбей калды, - Чын айтасыңбы, жаным?

- Чын, калп айтып эмне? - Таарына түштү.

- Жа-аным, - Шабдан келинчегин кучактап алып өпкүлөп жатты, - Бул жаңылыкты атамдарга айтпасак болбойт.

- Сен мени укпай жатасың.

- Неге, сени түбөлүк угам, алтыным.

- Мен талгак болгон тамактын алдын атам жеп алганына күлкүм келип жатат, муну мага жеңем айткан, акем жеңем талгак болгондо куурдак кууруп жатса алдын жеп алып, толготкондо акем тартыптыр толгоосун.

- Кызык экен, атам небересинин төрөлгөнүнө ичи ооруйт экен да: - Шабдан каткырып ийди, - Анын эмнеси жаман, билинбей кала берсин.

- Уят го?

- Эмне кыла алабыз анан?

- Эчтеке.

- Кой эми, аны ойлонгуча балабыз жөнүндө ойлонолу алтыным, кыз болсо атын ким коебуз, уул болсочу? - Шабдан Самардын ичин сыйпалай сурады.

- Сен өзүң айт.

- Жо-жок, бул биринчи балабыз, ошондуктан атамдардын койгону оң.

- Туура, мен каршы эмесмин.

- Жаным менин, мени бакытка бөлөдүң, дал ушул күндү элестете албай жүрдүм эле, - деп токтой калды, - Токто-токто, балабыз кыймылдап жатат го?

- Качан кыймылдаганда билдим да.

- Жиндим десе, алда качан врачка көрүнүшүң керек болчу, - Мурдунан чымчый эркелете өөп койду, - Уулбу же кызбы, Самаш?

- Мен кайдан билем? - Жылмая ичин сылады.

- Мейли, ким болсо дагы эртерээк эле чыкса экен.

- Шабдан.

- Ийи.

- Сен ким болушун каалайсың?

- Мага баары бир, мен жалгызмын, кыз болсо да, уул болсо да кубанам, боюңа болгон абдан жарашат экен, ого бетер сулуу, көрктүү болуп кетипсиң.

- Ыраспы?

- Чын айтам.

- Мен байкабапмын өзүмдү, - Жубайлар эзилише сүйлөшүп, түндү кандай өткөргөнүн дагы сезбей калышты. Корголдун: "Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат, жигит менен кыз жатат, күлкү менен таң атат", - дегендей эле бири-бирин эркелетешип, бири-бирин кучактап өпкүлөшүп жатып уйкунун кучагына киргенин сезбей да калышты.

Бул кезде Карим кышкы каникулда апасына келип он күндөй жүрүп кетмек болду эле, апасы Шарапат аны үйлөн деп кулагынын кужурун алып туруп алды.

- Апа, кимге үйлөнөм, айтчы, мен көрбөгөн кызды кантип алам?

- Мен сага жакшы кыз таап койгомун, окуусун жаңы бүтүп келип иштеп жатат, ал кыз сага жагат, балам, - деди Шарапат кудуңдай.

- Эмне болуп иштейт экен?

- Сестра болуп иштейт, абдан жакшы, тартип-тарбиялуу, айылдык эстүү кыз.

- Сиз кайдан билесиз, бир көрүп эле жакшы экен деп айтууга болбойт, апа, - Карим ушинткени менен: "Көрсө көрөйүн, бирге иштейт экенбиз, мен врач болсом ал сестра болуп чогуу барып келгенге болот, Самар деп бүт өмүрүмдү өткөрсөм дагы ал билбейт", - деп ойлоп алды.

- Жакшы кыз экенин мен эң сонун билем, үйүнө барып көрүп келесиңби балам?

- Көрсө көрүп келели.

- Кагылайын десе, жүрү баралык, кызды бир көргөндө жактыраарыңа ишенем, кичи-пейил, адамгерчиликтүү, - деп Шарапат кийине салып уулун ээрчитип чыгып кетти.

Экөө Абдраимдин үйүнө келгенде Гүлбахар эми жумушунан келген эле, Сабира менен Абдраим аларды жакшы тосуп алды.

- Келгиле-келгиле.

- Келдик иним, кызы барга жуучу, карызы барга доочу келет дегендей келип калдым, - Гүлбахарды карап жылмайып алды.

- Отуруңуздар эже, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту дешет эмеспи, насип болсо көрөөрбүз, - деп Абдраим айтканда Гүлбахар атасын бир карап коюп бөлмөдөн далиске чыгып баратканда, - Кызым, чай алып кел конокторго, - деди.

- Макул ата.

- Кой, өзүм чыгайынчы, - Сабира Гүлбахардын артынан чыкты, - Сен кийимиңди которунуп алчы, Гүкү.

- Ой апа, эмне болмок эле, кереги жок, - Гүлбахар тултуңдай ары басты, ал ошол бойдон кирген жок, Карим аны көргөндө бир аз жактыргансып калды. Абдраим:

- Кыз менен бала бири-бирин жактырса бизде кеп жок, - деди.

- Анда балам кеткиче үйлөнтөйүн, силер камына бергиле, үч күн ичинде келип алып кетебиз, мен даярмын, - Шарапат кубана коштошуп чыкты.

Эртеси күнү Карим менен Гүлбахарды жолуктуруп сүйлөштүрмөк болгондо Карим кыздын иштеген жерине өзү барды. Анын келгенин угуп Гүлбахар жаман абалда болду, ушуга чейин бир жигит менен сүйлөшүп көргөн эмес эле. Бирге иштешкен келин аны тамашалай:

- Буйруса той жейт экенбиз да, Гуля, - деди, иштешкендери аны ушинтип чакырышчу.

- Коюңузчу, мен эч жакка кетпейм, - Кызара бетин басып калды Гүлбахар.

- Бол эми күтүп калды, карасаң, келишкен жигит экен.

- Чыкпайм, кете берсин.

- Кой, анткениң болбойт.

- Кантип чыгам анан?

- Ушинтип эле чыгасың, сени менен теңдер бир балалуу болуп калды, а сен жигиттерден качып жүрөсүң, - деп Шура колтуктап болбой сыртка чыгарып өзү кайра кирип кетти.

- Саламатсызбы, чоң кыз? - Карим жете келип кол сунду.

- Саламатчылык, келиңиз, - деп Гүлбахар кызара колун берди.

- Иштериңиз кандай?

- Дурус, келген жөнүңүздү айтсаңыз, жумушум көп эле.

- Сиз менен жакшылап таанышуу үчүн келгенимди билээрсиз, менин атым Карим, - Жылмая карады.

- Гүлбахар…

- Оо, атыңыз затыңызга жарашкан кыз экенсиз.

- Кечиресиз, мен шашып жаттым эле.

- Бир аз кое туруңузчу, сүйлөшөлү.

- Жумуш убактысында болбойт.

- Анда кечке маал келейин, - Карим кыздын кызарып уялып жатканынан улам колун сунуп, - Эмесе кечке чейин, - деп күлүмсүрөй карады.

- Жакшы барыңыз, - Кыз жер карап колун бергенде Карим анын колун бекем кысып койду:

- Көрүшкөнчө, - Карим аны кое берээри менен жүгүрүп пунктка кирди, жүрөгү лакылдап коридорго туруп калды: "Мени жактырып калды окшойт, кантип сүйлөшөм, атамдар дагы макул болуп коюшту окшойт, бат эле үйлөнтөм дебеди беле, үч күн дедиби, бир көрүп эле кантип тийем", - деп көзүн жумуп алып дубалга сүйөнүп турганда Шура чыга калды:

- Ой сага эмне болду, жигит жагып калган го?

- Коюңузчу, бир көргөндө жакмак беле?

- Бир көргөндөгү сүйүү сага жакшы болот да.

- Кереги жок, мага кереги жок эже, жумушум көп деп кетирип жибердим. - Жок эже, көңүлүм жок.

Андан ары экөө да сүйлөшпөй отуруп калышты, Гүлбахар өз иши менен алектенип кетти, бирок Каримдин өзүнө карап жылмайышы, колун бекем кысып күлүмсүрөшү анын көз алдынан кетпей туруп алды. Кечке маал Карим акмалап турганда Гүлбахар жумушунан чыгып эч жакка көңүл бурбай эле жер карап кетип жатканда Карим алдынан тосту:

- Салам, чоң кыз.

- Салам.

- Иш күнүңүз кандай өттү, Гүлбахар?

- Жакшы.

- Сиз эмнеге сүйлөбөйсүз?

- Эмнени сүйлөйүн?

- Чын сүйүү жүрөктү эзет экен, бычактап жан дүйнөнү кесет экен, сүйүүнү баалай билсе кара көзүң, мендей адам тилегине жетет экен, менин сүйүүмдү кабыл алыңыз, Гүлбахар!

- Эмне дейсиз?

- Сизди жактырып калдым.

- Бир көрүүдөн кантип жактырып калууга болсун?

- Чыныгы сүйүү биринчи көргөндө жүрөккө жетет.

- Мен билбейт экенмин.

- Жигитиң жокпу, Гүлбахар? - деп Карим эми сенге өттү.

- Жок, азыр жигиттин кереги жок.

- Эртең апамдар болуп барабыз, үйлөнүүгө убакыт жетти.

- Сиздин убактыңыз келгендир, мага али эрте.

- Мен кайра окууга кетишим керек, Гүлбахар. Ачык сүйлөшөлү, мен сага гана үйлөнөм, келээрки жылы окуумду бүтсөм экөөбүз бир ооруканага иштейбиз.

- Кайсыны бүтүп жатасыз? - Гүлбахар бир аз көнө түшкөнгө көңүл бура суроо узатты.

- Мединституттун хирургия бөлүмүн бүтөм, буйруса.

- Жакшы экен. Мен барайын, атамдар жол карашат, - Гүлбахар кетмек болуп жолун улады.

- Бир аз сүйлөшүп туралы.

- Жок, кетишим керек.

- Болуптур анда, жакшы бар.

- Жакшы барыңыз.

- Эртең буйруса барабыз, Гүлбахар.

- Мм, - деп койду да тездей басып жөнөдү.

Карим аны узата карап туруп Самарды эстеди, анын ойноктогон көздөрү, шайыр мүнөзү, эркелей мойнуна асылып: "Карим, мен сенсиз жашай албайм, акем каршы болуп жатат, бизди кошпойт го", - деген сөздөрү кулагына кайталанып угулуп: "Калп айткан экенсиң Самар, мени сен мендей сүйсөң эч тоскоолдукка көнбөйт элең го, бейкапар гана күйөөңдүн койнунда жатасың", - деп оор улутунуп алып дагы бир жолу артын карап алды. Гүлбахардын карааны эбак көрүнбөй калган экен. Шарапат даярданып алып туугандарын чогултуп Карим келгенде ага кеңешип отурду.

- Сүйлөштүңбү, балам?

- Ооба.

- Кандай, жактыбы деги?

- Жакшы, сизге жакканы мага жакканы, апа.

- Каралдым десе, эртең кыздын үйүнө барабыз, бүрсүгүнү келинди алып келебиз, баары даяр, - деп жетине албай жатты.

Айткандай эле үч күндөн кийин Гулбахарды алып келишти, биринчи түнү кадимки эле жаштардын турмуш босогосун жаңы аттаган күнүндөй эле өттү, Гулбахардын кыз экенине ыраазы болуп достору менен аяштары куттуктап келип жатты. Бирок кийинки күндөрү Карим Гулбахарга анча көңүл бөлбөй калды. Кышкы каникул бүтүп окуусуна кетээр күнү Гулбахар:

- Эми качан келесиң? - деди.

- Буйруган күнү, - деп көңүлсүз ары карап кетти.

- Сенин менде көңүлүң жогун эми билдим, башка сүйгөнүң бар окшойт?

- Анда сага үйлөнмөк эмесмин, башты оорутпай уктачы.

- Үйлөнгөнүбүзгө он күндөй зорго болду, неге мынча катуусуң?

- Кандай катуу?

- Жаш аялың жаныңда жатса тескери карап кетесиң.

- Чарчадым.

- Эмнеден?

- Ушу жашоодон.

- Жашоодон чарчасаң эмнеге үйлөндүң?

- Алаксыйын деп.

- Мен да жадаттымбы?

- Ошондой.

- Эмне кылып?

- Сүйлөп.

- Сүйлөбөсө да тажайт экенсиң.

- Гулбахар, тынч жатчы!

- Эмнеге мага үйлөнөсүң, менин бактымды байладың, - Гулбахар ыйлап терс карап кеткенде Карим боору оорудубу, бери карап келинди кучактап алды.

- Тамашалап койдум, сен биерде апам менен каласың, ушул бойдон мен жайында келем, ошого ойлонуп жатам, экөөбүз көпкө көрүшпөйбүз да.

- Жалган, сенин оюңда башка бар.

- Чын айтам, жаш келинчегимди таштап кетиш кыйын болуп жатат, - Карим Гулбахарды кучактап өзүнө каратып өпкүлөп таарынычын жазып жатты, бирок Гулбахардын ички дүйнөсүндө бир күдүк ой жүрүп: "Эгерде башка кызы болсо мага эмнеге үйлөнөт, балким апасы болбой эле үйлөнтүп койгон окшойт", - деген сезим аны тынч алдырбай жатты. Карим эртеси эрте туруп Фрунзеге жөнөп кетти. Гулбахар өз жумушуна барып келип жүрө берди, арадан бир ай өткөндө Карим оорукананын телефонуна чалып адегенде апасын сурады, андан кийин Гулбахарга:

- Кандай денсоолук, ишиңде кыйынчылыктар жокпу?

- Жо-ок, өзүң кандайсың?

- Баары ойдогудай.

- ? . .

- Сүйлө Гулбахар.

- Эмнени?

- Мени сагындыңбы?

- Сенчи?

- Аябай, сени аябай сагындым.

- Чынбы?

- Чын айтам, окууну бүткөнчө чыдаш керек, Гулбахар.

- Чыдайбыз да.

- Апама салам айтчы, бир аз тыйындан кыйналып жатам.

- Макул.

- Анда көрүшкөнчө жакшы жүр, Гулбахар.

- Көрүшкөнчө, - Трубканы койгон Гулбахар ойлуу отуруп калды, жанында баятан бери унчукпай отурган Шура ага кайрылды:

- Ой, күйөөң экөөңөр мынча эмне сузсуңар ыя?

- Эмне болду?

- Ойдогудай, баары жайында, көрүшкөнчө деп эле тим болдуңар, жаным, сүйөм сени деген сөз айтпайсыңарбы бири-бириңе.

- Ой коюңузчу, биз сүйүшкөн эмеспиз да.

- Эмне экен, сүйбөсөңөр деле жаш жубайларсыңар, ысыгыңар тарай элек, - деп Шура кыткылыктап күлүп жатты, - Сүйүшүп кетесиңер али, алыста болсоңор ошончолук сагынышпайсыңарбы?

- Бири-бирибизге көнө электе эле кетип калды да.

- Ооба, бирок окуусун улантпаса болбойт да.

- Мен деле түшүнөм, жазында келем дейт.

- Ой-ий, ошого чейин убал го экөөңөргө тең.

- Эчтеке эмес, быйыл жайда практикага чыгышат экен, кийинки жылы бүтөт.

- Аз калыптыр, сен иштеп окутат экенсиң да, айлыгыңды салып жатасыңбы?

- Жок, апам өзү жөнөтөт.

- Шашпа-а, бир күнү сен дагы бересиң, - Шура дагы бир топко чейин сүйлөдү, Гулбахар үндөбөй калды. Убакыт билинбей өтө берди, Гулбахар күн өткөн сайын түнү бою уктай албай күйөөсүн ойлонуп чыгат, баягы бойдон телефон чала элек, Шарапат келинине үн дебейт, эрте туруп үйдү жыйнап чай берип коюп жумушуна жөнөйт. Карим жашаган үйүнүн телефонун берген, бирок такыр чалгысы келбейт: "Мен иштеген оорукананын номерин билет, эмнеге кечкисин өзү чалып койбойт, акча керек болгондо чалган тура, мени эстегиси да келбейт, эмне болсо ошол болсун", - деп ойлонот, түйшөлүп уйкусу качат. Карим болсо кээ кездери Айна менен сейилдеп, ашканага кирип көп убактысын аны менен өткөрчү болду, бал муздак алып берет, үйлөнгөнү тууралуу эчтеке айтпайт. Жай келгенде айылды көздөй жөнөдү, практиканы өз айылынан өткөрө турган болуп келгенде Шарапат абдан кубанды. Гулбахар ал келген күнү жумушта эле, кечке маал келсе эшиктин алдында турган экен.

- Кандай, Гулбахар?

- Жакшы.

- Сенин жумушуңа бара албай калдым.

- Неге бармак элең?

- Тосуп келгени.

- Келбедимби, - Экөө салкын учурашышты, Шарапат тамак жасап жаткан, - Мага бериңиз апа, өзүм жасайм, - Гулбахар чечинип чыгып казан аягына киришти. Шарапат уул-келинин жакшылап учурашып алсын деп сыртка чыгып кетти.

- Гулбахар, иштер кандай?

- Жакшы.

- Сагындыңбы мени?

- Билбейм, - деп ишин улантып жатканда Карим кучактап калды.

- Билбейм деген сөздү кайдан үйрөнгөнсүң?

- Өзүм эле.

- Тоту кушча билем десең болбойбу? - Кучактап өөп коюп анан кое берди, - Гулбахар.

- Ийи…

- Сүйүп көрдүң беле?

- Жо-ок, - Тамагына алаксымыш болуп ары карады.

- Ачык айтсам мен бирөөнү сүйгөм.

- Кимди? - Гулбахар дароо карады.

- Бир кызды.

- Ал кайда?

- Күйөөдө.

- Ал сени сүйгөн жок беле?

- Сүйгөн.

- Анан эмне болду?

- Ала качып кетти.

- Жаман болуптур, унутуу кыйын болгондур?

- Ооба, өтө кыйын болду, сен мага капа болбо, акырындап көнүшүп кетебиз, ачык айтууга туура келди, сени да сүйүп кетемин деген ойдомун.

- Балким, бирок сен анте албайсың го?

- Неге?

- Сени мен түшүнүп калдым, анткени сен алаксымак болуп бирөөнү гана кыйнап жатасың, сенин оюнуңа гана айландым.

- Кой Гулбахар, сени оюн кылбайм.

- Ашыкча сөздүн кереги не, убакыт көрсөтөөр, - Ошол убакта агасы Шарапат менен бирге Зафар агасы кирди, анын аялы да артынан келди:

- Иним, окуу кандай? - Ага-ини кучакташа учурашышты.

- Жакшы, өзүңөр кандай жатасыңар, балдар чоңоюп жатышабы?

- Баары жакшы, кудайга шүгүр, - деди жеңеси. Алар көпкө отуруп тамак ичип отуруп анан кетишти.

Карим айылга практикага келгенин айтып эртеси Гулбахар экөө ээрчишип ооруканага барышты. Келгенине бир айдай болуп калган, бир күнү оорулуу баланы алып келип калды, Карим кабинетинен чыга калып Самарды анча тааный албады, анын баласы бир жаш болуп калган, башына жоолук салынып ыйлап жаткан Самар:

- Жардам бериңиздер, бир нерсе жеп алыптыр, ууланып калды окшойт, - деп ар бирине жалдырай берди.

- Карим Юсупович, оорулуунун абалы оор, - деп Шура Каримди карады. Шашкалактап баланы палатага алып баратканда Гулбахар алдынан чыгып жардамдашып Самарды босогого калтырып кирип кетишти. Көптөн кийин гана палатадан чыккан Карим Самарды көрүп нестейе туруп калды, бири-бирин үнсүз тиктешип турганда Гулбахар чыгып:

- Карим, баланын жанына апасы керек, ыйлап жатат, - деди.

- Аа-а, ооба-ооба, эч коркунуч жок, керектүү дары-дармектерди берип койдук, кире берсеңиз болот, - деди да бурулуп ары басканда:

- Карим, рахмат сага, - деди Самар артынан.

- Эч нерсе эмес, - деп коюп кабинетке кирип кетип ойлонуп жатты: "Ээх Самар, ушул бала экөөбүздүкү болсо кана, эми сен дагы бактылуу бол", - деп башын мыкчып отурганда Гулбахар кирди:

- Эмне болду сага?

- Эч нерсе, башым ооруп турат.

- Ыс-сык чай берейинби?

- Берсең берчи.

- Азыр, кое коеюн, - Гулбахар кайра чыгып кетти.

Ошентип алардын жашоосу кызыксыз өтө берди, Карим үйүнө келсе да кабагын ачпайт. Самардын баласы акырындап жакшы болуп калды, бир күнү Самар менен беттеше түшкөндө Карим анын колуна кагаз карматты. Ачып көрсө: "Самар, сени менен сүйлөшкүм келет, кечинде эшикке чык, бир аз сүйлөшөлү", - дептир. Самар уулун карап жаткан, жатканына үч күн болгон эле, Шабдан жетип келиптир.

- Эмнеге ошондо эле айтпадың, шаарга алып кетет элек, - деди келип эле баласын өпкүлөй.

- Корктум, эми баары артта калды.

- Эртең шаарга алып кетемин.

- Макул, чоң врачтарга көрсөткөнүбүз жакшы.

- Эрик, акыбал жакшыбы уулум? - Шабдан баласы менен сүйлөшкөн болду. Самар үч айдан бери айылда болчу, негедир аралары алыстай баштаган, салкын учурашышты, Самар күйөөсүнүн көздөрүнөн бир нерсени байкагысы, туйгусу келет, бирок ал аны түз кароодон жалтайлап уулу менен алек болуп жатып, - Врач менен жолугуп направление алыш керек, - деди да палатадан чыгып кетти. Самар: "Бул башка бирөөнү таап алган болбосо мындай эмес эле, акыры билем", - деп ызалуу отурду. Ошол күнү кечинде Самар болжогон учурда сыртка чыгып эки жакты карап турганда Карим жанына басып келди:

- Самаш, кандайсың?

- Жакшы, көрүп турасың го.

- Денсоолук, жашоо…

- Баары жайында.

- Мен сени сагындым, Самаш, - Колдорунан кармап өзүнө тартты.

- Бирөө көрсө эмне дейт, - Самар өзүн андан оолактатты.

- Көрбөйт, биз өтө эле караңгы жердебиз, - Жүзүнөн өптү.

- Карим, эртең биз шаарга кетмек болдук.

- Эмнеге?

- Шабдан келип алып кетем дейт.

- Өзүңөр билгиле, башкы врачка айттыңарбы?

- Ооба, сүйлөшүп направление алды.

- Кетип калат экенсиң да?

- Сенден эбак кеткемин, Карим.

- Туура, - Карим шуу эттире үшкүрүп ийди, - Эбак кеткениңди билип турсам дагы ишене албай жатпайынбы?

- Үйлөндүңбү?

- Ооба, жарым жыл болду.

- Жакшы болуптур, кай жерден?

- Ушул айылдан.

- Бактылуу бол.

- Рахмат.

- Балам ыйлап калбасын, палатага барайын.

- Бир аз турчу.

- Турганда эмне, агам эми өкүнүп жүрөт.

- Кеч болуп калганын карачы, сен өзүң бактылуу болсоң болду Самаш, эми экөөбүз чынында туз менен канттай болуп калдык, балалуу болупсуң, адеп көргөнүмдө ошол экөөбүздүн балабыз болсочу деп ойлоп алдым.

- Тагдыр өзү тааныштырып өзү эки жээкте калтырды, - деп Самар палатага кирмек болгондо Карим аны бекем кучактап өөп туруп алды, көптөн кийин гана экиге бөлүнүштү.

Карим үйүнө келип жатып калды.

- Кайда бардың? - деп сурады Гулбахар.

- Классташ бала жолугуп калып сүйлөшүп турдук.

- Ушунча турдуңарбы?

- Ой, жүздөн алдык да, - Карим калп айтып койду.

- Сен ичпейт элең го?

- Кээде ичип коем.

- Кардың токпу?

- Ооба.

- Аа-а, - деп коюп унчукпай жатып калды.

- Гулбахар.

- Ийи.

- Төрөп берчи.

- Эмне? - Гулбахар чоочуп кетти.

- Эмнеге чоочуйсуң, күйөөсү бар аял төрөйт да.

- Ойлонбопмун, сен өзүң жакында эле келдиң, эми бир-эки айда кайра кетесиң.

- Деги боюңа качан болот?

- Кудайдын буйруган күнү.

- Макул, уктайлы анда.

- Жакшы уктап эс ал.

- Өзүң дагы.

- Сен мени жактырбасаң боюма болушу мүмкүнбү?

- Жактырам эле.

- Калп.

- Кечирип кой, эмнени самап жатканыңды билбей калган турбайынбы? - деп Карим күлүп кучактап калды.

Шабдан эртеси эле баласын Фрунзеге алып кетти, Самар аны бир ооз жакшы сөз сүйлөп сагынганын айтат го деп үмүттөнгөнү менен ал оолактап баласын айланчыктай берди. Чынында баласы өтө күчтүү дарыдан ичип алган экен, ашказанына оор болуп калыптыр, аз-аздап ойногону менен жакшы боло албай ооруканада көп жатты. Бирок такталбай жатып үч айдан кийин чарчап калды. Самар ботодой боздоп кала берди, баласынан кийин Шабдан жаман акыбалда болуп Самарды күнөөлөп үйүнө келгенде ичип алып урушат да кетип калат. Бир күнү ичип келип:

- Баланы карай албагандан кийин төрөбө! - деди ачуулуу.

- Мен эмне кылдым, атайлады дейсиңби? - Самар ага атырыла карады, ошондо анын үч айлык боюнда бар болчу.

- Төрөбө, баары бир бага албайсың.

- Сен багасың.

- Менин жумушумчу, сен иштейсиңби?

- Иштен чык.

- Кереги жок айтышкандын, - деп Шабдан чыгып кетти.

Самар анын артынан чыгып Шабдан машинасын короодон айдап чыкканда такси жалдап жөнөдү, көп өтпөй эле бир бурулуштан токтоп андан түшкөндө акмалап билгизбей көөдөй караңгыда бир караан ээрчип баратты. Бул короосу тозулбаган, жаңы бүткөн үйгө Шабдан эч билинбей кирип кеткенде эси оой карап турду, бир аздан кийин терезесине келди, жарык болуп турган терезе тозулуу экен, эч ким көрүнбөгөн менен үн чыгып жатты, Самар кулак түрө түбүндө турду.

- Аялыңды таштай албайсың дебедим беле? - Кылыктуу күлгөн аялдын үнү угулду.

- Сени дагы кетирбейм.

- Мен ага көнбөйм, жалгыз гана меники болушуң керек.

- Менин тапканым, бүт дүйнөм сеники болуп калды го?

- Сенин жүрөгүң экиге бөлүнүп жатпайбы?

- Эркектин жүрөгү көпкө бөлүнөт.

- А мен жалгыз ээлегим келет.

- Койчу алтыным, мен сага эс алганы келем, андан көрө эмнең болсо да алып келчи, мээм чарчап калды, - Экөө унчугушпай калды.

Самар ошол жерден артына кайрылды, ал ызаланбады, кайра такси кармап үйүнө келди дагы ордуна жатып алып ойлонуп жатты: "Мен бул бойдон калтырбайм, өч алуум керек", - деген ойго келди. Самар ушул кезде өзүн басынтып ыйлап ызаланган жок, бирок жүрөгүндө өч алуу кеги пайда болуп өзүнөн-өзү чыйралды, кайраттанды. Эртеси Шабдан келбеди, түнкү онго чейин күтүп такси менен барып анын машинасын дагы көрдү, анан эшигин эки жагын абайлап карап көрүп кайра үйүнө келди да эртеси дүкөнгө барып эркектин рабочий кийимдери менен эски калпак, герзи өтүк алып келип койду, колуна медиктердин мээлейин алды да сарайга коюп жатып калды. Ал түнү келди Шабдан, бирок баштагыдай үңүрөйүп урушпай маанайы ачык келди.

- Самаш кардым ачты, бирдемең барбы?

- Эми жасайын.

- Мейли, жасай койчу.

- Ашканадан ичип алсаң болот эле го?

- Үйдөн ичким келди.

- Жарайт, бир аз чыда, менин колумдан тамак ичкиң келсе албетте сенин кызматыңдамын.

- Самаш, сенин колуңдан ичким келбегендечи, сени жакшы көрөөрүмдү билбейсиң.

- Койчу, - Самар эт туурап жатып Шабданды карап мыскылдай жылмайды, - Сүйбөсөң да сүйөм деп алып бат эле башкага ооп кетпедиң беле?

- Оогонум жок, азгырды Самаш.

- Кантип, уулдуу болуп кубанып турганда да жанымда болгонуң жок эле…

- Жаңылдым Самаш, мен сенин алдыңда күнөөлүүмүн.

- Менин эмес балаңдын алдында күнөөлүү элең, сенин кесепетиңден балам чымчык болуп учуп кетти, аны менден көрүп көңүлүмдү муздаттың.

- Кечир Самаш, баарын билип туруп билбегендей иш жасадым, кызмат ордумдан да кичирейдим, кудай алдында чынында күнөөлүүмүн, - Шабдан жер карап отуруп калды, Самар үндөбөй калды, ошондон тартып ал эч жакка барбайт, жумуштан түз эле үйүнө келет. Самар ага сүйлөбөйт. Ичи билинип калган, бир күнү алардын үйүнө бирөө телефон чалды, Шабдан жок болчу, Самар трубканы ала койду.

- Ало, бул ким экен?

Ары жактан аялдын үнү угулду:

- Шабдандын үйү бекен?

- Ооба, мен аялы болом.

- Кызык, аялы болом дейсиңби?

- Ооба, эмне болду?

- Менин боюмда бар, эгерде мен айткандай болбосо сотко беремин, закондуу түрдө аялы туруп башканы алдаганы үчүн жооп берет.

- Аны өзүнөн сура, керек болсо киргизип ал, жооп бердим, мен үчүн ал эч ким эмес, - деп Самар жини келип трубканы коюп шалк этип отуруп калды.

Ошол күнү Шабдан келген жок, үч күн келбеген соң жини келген Самар түн бир оокумда эркекче кийинип алып жолго чыкты, колуна мээлей кийип шамшар бычакты кармап келди. Жолдон такси кармап алып тез эле жетти, тааныш үйгө кирип барса ал короодо Шабдандын машинасы жок экен, терезеси күйүп турат. Акырын тыңшаса уктап жаткандай, эшигин түртсө бекем, үйдү айлана басып терезелерин караса бири ачык экен, андан эптеп секирип түштү да бөлмөлөрдү кыдырып Шабдан менен бирөөнүн кучакташа уктап жатканын көрүп жини кайнап дабыш чыгарбай жанына барды, Самар ушул кезде ач карышкырдай көзү кызарып эмне иш жасап жатканын да билбеди, колундагы бычакты аялга шилтеп уруп калганда чоочуп кеткен Шабдан башын көтөрүп эмне болуп кеткенине түшүнгүчө аны сайды да үйдөн чыгып кетти. Ал келе жатып кийимдерди чечип ыргытты да мээлей менен бычакты жер чукуп көмүп коюп үйүнө келип чечинип жатып калды, таң атканча уктай албай жатканда эшиктери калдырап бирөө кирип келе жаткандай болду. Ыргып тура калып жарыкты күйгүзсө кийим-кечеси кан болуп ичин баскан Шабдан экен:

- Сага эмне болду? - Самар титиреп турганын билгизбей сурады.

- Билбейм, тезирээк тез жардам чакыр.

- Азыр, - Самар өзүн кармап телефондун кулагын бурады, аңгыча эшикке жарык түшүп таң агарып кетти.

Тез жардам келип алып кеткенде Самар кошо жүрдү, ошол күнү дагы бир аялдын өлүгү үйүнөн табылды, атасы Орозалиев өз күчү жеткенче издеткен менен ким экени табыла койбоду. Шабдандын ичегисине тийген экен үч саат бою операция жасашып эптеп алып калышты. Самар кээде өзүнүн жасаган ишине өзү таңгалып, ошол ишке барганына ишенбей жүрдү. Арадан он күн өткөндө анын боюнан түшүп калып өзү араң дегенде үйүнө келди.

Шабдан басалбай көпкө жатты, врачтар аны шал болуп калуу коркунучу бар дешти. Атасы врачтарга көргөзүп алы жеткенче дарылантып аргасы кеткенде үйүнө алып келди. Бир күнү алардын үйүнө милиция келди, алар эркектин кийимин, бычак менен мээлейди табышкан экен.

- Бул кийимдер сиз көргөн адамдын кийимине окшойбу? - деди Шабданга.

- Дал ушул, эгерде табылса өз колума бергиле, - деп Шабдан айтканда Самардын жүрөгү шуу дей түштү, дароо Шабданды карады, - Мен ичегисин гана чубабасамбы?

- Табылса законго ылайык жазаланат, мээлейди текшерүүгө бердик, эгерде колдун тагы табылса сизге айтабыз:

- Жарайт, кыскасы изилдегиле.

- Макул, жакшы болуп кетиңиз, - Милициялар үйдөн чыгышты.

- Шабдан, өзүңдү сайганда бетин көргөн жок белең? - деп акырын карады.

- Жок, көрө албай калдым.

- Машинаңда белең? - Билмексен боло сурады.

- Жок.

- Кайда машинаң?

- Сатып ийгем.

- Эмнеге?

- Иш бар.

- Шабда-ан, мен билбеген кандай иш?

- Дүйнөдө баары болот…

- Болуптур эми, өзүңдүн аман калганыңа шүгүр.

- Кубанганыңа таңмын.

- Неге?

- Өлсөм ыйлаарыңды кудай билет.

- Сен ошентип ойлойсуңбу?

- Сезем.

- Сезимиң алдабасын, - Самар ордунан туруп баратып, - Сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деди кайра бери карап.

- Кандай сөз?

- Мен эми бала төрөй албайм, ошондуктан ажырашышыбыз керек.

- Ошондой де?

- Ооба, андан башка жол жок.

- Туура, - Шабдан ойлуу күрсүнүп алды, - Мендей инвалид менен жашоо оңой эместир?!

- Андай эмес, сенин тилегиңди берди, төрөбө деп сыртымдагыны да, ичимдегини да жок кылдың, - деп Самар буулуга сүйлөдү, - Эми менде эч качан бала болбойт!

- Эми бир кезде айткандырмын, көпкөн кез өтпөдүбү.

- Сенин ооз кесириң.

- Табалап турасың го?

- Табалаганча өз денсоолугумду ойлогонум дурус.

- Мага тийгениңе өкүнүп жаткандырсың?

- Ооба, мен сени сүйгөн эмесмин, бийлигиңдин арты менен алып алгансың. Баарына кайыл болуп, тагдырыма аргасыз көнүп берген кезимде эчен түнүмдү, көз жашымды төгүп өткөрүүгө аргасыз кылдың.

- Сен бүгүн болгон ызаңды төккүң келген экен да?

- Жок, мени түшүнсүн деп жатам, эми бул үйгө бир күн кала албайм!

- Өзүң бил, айтканыңдай болсун.

- Эмесе бол! - деди да даярдап койгон кийимдерин алып чыгып баратканда Шабдан токтотту.

- Бул үйдөн мен кетем Самар, сен кал.

- Кереги жок, өзүң кала бер, - Самар кетип баратканда алдынан кайненеси чыкты, ал Самардын көтөрүнүп алганын көрүп чоочуп кетти.

- Кайда барасың, кызым?

- Агамдыкына барып келейин дедим эле.

- Көпкөбү?

- Ийи…

- Кирчи кызым, бир иш менен келдим эле.

- Макул, апа, - Самар жер карай үйгө кирди.

- Милиция келиптир, мээлейден аялдын колунун тагы табылыптыр.

- Ырас элеби? - Самар чоочуп кетти, - Качан текшериптир?

- Түштөн кийин телефон чалышыптыр, бирок так эмес дешти.

- Аа-а, - деди да чай коймок болуп ашканасына кирди: "Эми эмне кылам, таап алышса камалып кетемби, Шабдан билсечи?", - деп калдастап турганда Шабдандын үнү угулду.

- Аял дейсиңби, апа?

- Ооба, кайсы ниетиң куурагыр экенин ким билет, жакшы билинбегени жаман. Өз жазасын алат да, - деп токтоп калды.

Самар колдору калтырап көпкө туруп өзүн кармап, чай коюмуш болуп, идиш жууп көптө келди.

- Чай ичиңиз, апа.

- Ичтим кызым, убара болдуң го?

- Кыйналганым жок.

- Сен да тыңый элексиң.

- Жакшы элемин.

- Доктурга көрүнүп тур, өзүңө кара.

- Ооба, көрүнүп жатам, - Самара Шабданды карап: "Апама ачык айт", - дегендей ишаарат кылды.

Шабдан тамагын жасап Кантчайымды карады.

- Апа, сени менен кеңешели дегенбиз…

- Айта бергиле балам, эмнени кеңешмек элеңер?

- Самарга жооп бериш керек.

- Эмне дейсиң, каякка?

- Биротоло кетмек, өз жашоосун өткөрсүн, али жаш, - Башын жерге салып көзүн жумуп жиберди, - Жашоосуна тоскоолдук кылбайын.

- Эмне дейт ботом, ээ Самаш, сен Шабдандын сакайып кетишине ишенбейсиңби? - Келинин мостое карады.

- Апа, мени туура түшүнгүлө, Шабдан жооп берди, сиздер мени кечирип коюңуздар, кетишим керек…

- Өзүңөр билгиле балам, бирок баламдын ушул абалын көрүп туруп басып кеткениң болбойт, аз да болсо жакшы күндөрдө жашадыңар, жаман айтышкан жоксуңар, айланайын.

- Сиздер биздин кандай жашаганыбызды билбейсиңер апа, биз бири-бирибизди аргасыз сыйлап жашап келдик, мени канча аялга алмаштырганын айтып берейинби, же ошолордун баарын унутуп жашай аламбы, апа? - Самар ыйлап жиберди, - Бир жолу даттандымбы, же кетип калдымбы? Чыдап жашагамын.

- Оолда-а балам ай! - Кантчайым уулун аяй карады: "Курган балам ай, ошолордун бири өлтүрүп кое жаздаган го", - деп ойлоно калды, - Калганын өзүңөр билгиле, - деди да эшикке чыгып кетти.

Ошол күндүн эртеси Аскар Шабданды өз үйүнө алып кетти, үйдө Самар калды, анткени Мамытбектикине барган Кантчайым укканын айтты эле, Аскар өзү барып алып келип койду…

Шабдандын жашыруун жүргөн аялы өтө жаш кыз болчу, ал Шабданга каалаганын алдырып, ал тургай өлөм деп коркутчу, анын өлгөн үйүндө Шабдандын костюму менен шапкасы калып калган эле, милициялар аны изилдеп көрүшкөн, Шабдан аны Самардын угушун каалаган эмес, экөөнү бир адам бычактаганы белгилүү болгондон кийин абдан иликтешти, бирок эч кандай дарек болбоду. Ошондо милиция Шабданга келип:

- Шабдан Аскарович, мүмкүн болсо, сиздин аялыңыз калды.

- Кандайча, анын катышы болбосо.

- Бардыгы болушу мүмкүн.

- Өзүңөр билгиле, бирок мүмкүн эмес…

- Кечиресиз, - деп чыгып кетишти.

Ошол эле күнү Самардын үйүнө келди, анын колдорун тартып кеткенден баштап коркуп жүрдү, бирок эч кандай дайын болгон жок, ошондо Самар ойлонуп отуруп өз колуна эки перчатки кийип бирин чечип көмгөнүн ойлоду, бирин үйүнө келгенден кийин өрттөп таштаган эле: "Демек кудай сактаган экен, билинсе төркүндөрүм эмне дейт эле, агамчы? Ошол күнү өзүмдү дагы жоготуп койгондой болдум", - деп ойлонуп жатты.

Шабдан Самар эмес экенин укканда эс ала түштү, оюнда жаш өлгөн ойношу, аны жакшы көрүп сүйбөгөн менен жаштыгына азгырылган эле, үй алып берген, кийин: "Менин өлүмүмө сен себепкер болосуң, болбосо мени менен жаша, же сотко берем", - деп жумушуна чалганда ага барып экөө уруша кетет, Шабдан ошол күндү эсинен чыгара албай абдан кыйналып кээде түшүнө дагы кирчү болду.

- Сен аялыңды сүйөм деп мени орто жолго таштай турган болсоң ачыкка чыгам, - деди бир күнү чакырып алып.

- Мен сага баарын жасадым, сени алам деп убада берген эмесмин.

- Кызматыңдан пайдаланып жашоомду буздуң, эми боюмда бар, балаңды эмне кылам, эрсиз төрөп алып жалгыз каламбы? Андай болсо акча таап бер, мен башка жакка кетем, - деп Асылай булкулдап ыйлап жатты.

- Менде акча жок, кызматтан кичирейдим, сен үчүн ишимден куулдум, - деп Шабдан ачууланып жаакка бир чапты, - Мен сага үйлөнөм деген эмесмин, өзүң азгырганыңды билесиңби?

- Ооба, мен сени улуулугуңа карабай сүйгөмүн, курбума чакыртып алгам. Эмне, сүйсөм болбойбу?

- Эми өз арабаңды өзүң тарт! - деп чыгып баратканда Асылай телефонго жармашты.

- Эмесе өз убалың өзүңө!

- Асылай!

- Келесиңби?

- Токто, сүйлөшөлү, - Шабдан жетип телефондун трубкасын колунан жулуп алды, - Эмне керек деги сага?

- Акча керек.

- Шашпа, машинаны сатып берем.

- Анда сөз башка, - Асылай жылмая Шабданды кучактап алды, - Сени сүйөм Шабдан, а сен аялыңдан чыга албайсың, канча адамдар ажырашып эле жатат го, боюмда дагы бар, өзүңө окшогон уулдарды төрөп берем, бактылуу жашайбыз, - Асылай анын көкүрөгүнө башын коюп сүйлөп жатты.

Эркек эмеспи, Шабдан аны аяды, анын үйүнө калып эртеси машинасын сатып акчасын берди, эки күн өтпөй минтип кимдир бирөөлөр Асылайды өлтүрүп кетти.

Ушуларды ойлонуп отуруп Шабдан кызыктай абалга келип жинденип: "Мага кандай жашоо керек эле өзү, адам өзүн таппай калганда кылган ишинин корутундусу эмне болоорун сезбей да калат тура, мен көпкөн экенмин, кайда барсам сулуу кыздар, кошоматчылар, паралаган кызматкерлер. Аттиң, эми минтип бечара болдум, отуз алты жашымда көз каранды болуп отургандан көрө өлгөнүм жакшы эмес беле, жан таттуулугун кара, качып келип калдым. Самардан башка аял болсо мени киргизбей коюшу да мүмкүн эле го", - деп отуруп өзүнүн эмне кылганын сезбей жанындагы дайыма тамак коюп иччү столду түртүп ийди.

- Аа-а!

Стол үстүндөгү идиштер шаңгыр этип жерге сынып калды.

- Шабдан, эмне болуп кетти? - Кантчайым жүгүрүп кирди.

- Келбегиле жаныма, келбегиле, мага мындай жашоонун кереги жок! - Шабдан бакырып жерге түшүп өзүн-өзү койгулап жатты.

- Балам, эсиңе келчи кагылайын, эмне болуп кетти кокуй?

- Жашагым келбейт апа, мени кармабагылачы! - деп колдору менен өзүн койгулап жатканда кандайдыр эки буту кыймылга келе түштү, бакырып жаткан Шабдан ишенип ишенбей сенек болуп калган буту кыймылдаганда үнүн басып башын өйдө кылды, дивандан кулап түшкөн неме отуруп калды, бутун сунуп, манжаларын кыймылга келтирип, - Апа, бутумду карачы, кыймылдап жатат! - деп көз жашы куюла апасына карады.

- Каралдым десе, кудай берет деген ушул, айланайын кудай боор ооруган экен, - деп эне баласын кучактап алып ыйлап жатты. Бир аздан кийин эптеп сүйөп диванга жаткырып, сынган буюмдарды уулунун башынан тегеретип алып чыгып кетти.

Ошондон баштап Шабдан бутун өзү укалап, массаж жасап жүрүп бир аз буту кыймылдап баса баштады, бирок эптеп эле басат. Ошого кубанып жүрдү ал: "Кыймылсыз жаткандан көрө жакшы болду, буйруса кудай тилегимди берээр, жакшы болуп кетсем болду", - деп ойлонуп жатып өзүнчө ыраазы. Ал ойлуу жатканда көптөн бери көрүшпөгөн досу келип калды, ал Москвада аспирантурада болчу.

- Кандай Шабдан, ал-акыбал жакшыбы?

- Кудайга шүгүр дос, дурус болуп калдым, өзүңдүн иштериң кандай?

- Жайында, сени угуп көрүп келейин деп келдим.

- Москвадан келдиңби?

- Ооба, атайын сени көргөнү келдим. Кандай болуп кетти, сенде эмне душман пайда болгонбу?

- Ким билет Артур, ушундай болуп кетти.

- Этият болушуң керек эле, кокус бирдеме болсоң кантет?

- Кокустук болду да. Эчтеке эмес, буга окшогонду башка салса көрбөскө аргабыз барбы? - Шабдан күлгөн болду.

- Ушу сен аялдар менен жакын элең? - Артур да күлдү, - Ошондон улам ушундай болуп жүрбөсүн?

- Жо-ок, иши кылса болоору болду да.

- Иши кылып сакайып калыпсың, - деп Артур ордунан турду.

- Отур, чай-пай ич.

- Жо-ок, эртең кайра эле кетем, сенин ал-абалыңды көрбөй кетсем болбойт дос, сакайып кадимкидей болуп, шымаланып иште, - деп кол алыша коштошуп жатканда Кантчайым кирди:

- Кел балам?

- Жакшысызбы апа?

- Кудайга шүгүр, отур балам, тамак бышып жатат.

- Апа, шашып жүрдүм эле.

- Кой айланайын, даам ооз тийбей чыкпа, Шабдан экөөңөр кандай ынтымактуу дос элеңер, баламдай көрөм, балам, - Кантчайым кетирбей койду. Аңгыча тамагын алып келип чогуу отуруп калды.

- Шабдан, аяш көрүнбөйт да? - деп калды Артур Шабданга.

- Ал кеткен, биз ажыраштык.

- Эмнеге, сени мындай абалга таштап кетип калганы кызык го, же мурун кетти беле?

- Жок, мен ооруканадан чыккандан кийин кетти, мурда эле ажырашмакпыз, мен болбой койгомун, эми өзүм бошоттум, - Шабдан жер карады.

- Ошондой де, демек сен өзүң кое берген экенсиң да?

- Ооба, инвалидди кароо ага оор болоор, ансыз дагы…

- Кана балдарым, тамактан алгыла, - деп Кантчайым аларга дасторкондогу табакка карап кол жаңсады.

Тамактанып бүткөн соң Артур коштошуп чыгып кетти. Кантчайым керээли кечке үй түйшүгүнөн бошобойт, оорулуу адамды багып карап өзү дагы кыйналып кетти. Аскар ишинде, мына быйыл алтымыш жашка чыкса пенсияга чыгам деп жүргөн. Ал дагы уулунун тагдырына кейип кээде кан басымы көтөрүлүп кетет, Шабдан баса баштаганга үмүтү жанып врачтарга көрсөтүп, кайрадан дарылатууга көргөзгөнүндө жакшы кабар угушту. Себеби басып кетээрине үмүт бар, дешип көбүнчө массаж жасагыла деди, өзү аракет жасап жатты. Кантчайым тамагын күчтөп берип, кийимин таза жууп маңдайында. Ал эшикте жүрсө бир кыз келип эшигин такылдатып калды:

- Ким экен? - Жетип барып эшигин ачты.

- Эже, Орозалиевдин үйү ушулбу?

- Ооба, эмне болду?

- Шабдан Аскарович деген ушул үйдө жашайбы?

- Ооба, аны эмне сурадың? - Эне үрпөйө карады.

- Мен аны менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Ал оорулуу, сүйлөшкөнгө болбойт.

- Кечиресиз, бир көрүшүм керек эле, уруксат бериңизчи, - Кыз жалдырай карады.

- Макул кир, көп сүйлөшкөнгө болбойт.

- Жарайт, эне, - Кыз шыпылдай кирип кетти.

Шабдан ойгоо жатса кыз кирип келип эле диванда жаткан аны көрүп:

- Саламатсызбы? - деди.

- Саламатчылык, сиз кимсиз? - Шабдан башын көтөрүп суроолуу тигилди:

- Асылайдын сиңдисимин.

- Аа-а…

- Агай, мен сизди эжемден уккамын, сиз анын өлгөнүнө күбөсүз ээ?

- Кандай күбө?

- Биз бир адамды таптык, сиз таанысаңыз эле болду.

- Кандай адам экен?

- Ал кээде келип эжемдин ишин жасап берчү.

- Кандай ишин жасачу эле?

- Мен өзүм андан көрөм, себеби ишин кылганда акча сурай берчү, өзү түрмөдөн келген киши.

- Канча жаштагы адам ал?

- Отуз бештерде го, эжеме асылганын да көргөмүн, ошондон кийин эжем аны киргизбей койгон, сиз көрүп таанып берсеңиз жакшы болот эле, - деп сумкасын ачып сүрөт алып чыкты, - Мына бул.

- Мен муну көргөн эмесмин, анын бетин көргөн эмесмин.

- Өкүнүчтүү, кечирип коюңуз, менин эжем өтө жаш кетти, ичинде баласы бар экен, атамдар кайгырып зорго отурушат, биз үч кыз болчубуз, экөөбүз калдык, өлтүргөн адамды таап жазасын алса жакшы болмок, - деди да өйдө болду, - Жакшы калыңыз, сакайып кетиңиз.

- Рахмат, жакшы бар.

Шабдан көзүн жумуп жатып калды: "Анын да убалына калдым, баласы менен кетти, кантип күнөөлүү табылаар экен, эгерде табылса өзүм өлтүрөт элем", - деп жини келе тишин кычыратып, муштумун түйүп кыжына берди. Дагы жинденип өзүн жоготуп коюудан коркуп башын көтөрө суу ичип кайра жатты, бир оюнда эми эле жүгүрүп кетип өзү изилдеп күнөөкөрдү тапкысы келип кетет, бирок бутунун азыр алсыз экенин билип кыймылдатып, массаж жасап укалап кирди. Күн өткөн сайын буту жанданып эшикке такандап таяк менен чыгып калды, ал ооругандан бери иштешкендер келип кетип турчу, кийинки кездери анча келбей калды. Кээде зеригип жатып ар кайсыны ойлонуп Самар эсине түштү: "Эмне болду экен, өз жашоосун көрсүн, кызганып урушкан жок, мен аны уруштум, менин кесепетимден балдарым токтободу, байкушум бактылуу эле болсо экен, балалуу боло албайт", - деп улутунуп алды. Ал ошентип ойлонуп олтурганда Кантчайым кирди.

- Балам, эшикке чыгып бассаң боло.

- Бүгүн чыккым келбей турат, апа.

- Мейли каралдым, кардың ачпадыбы?

- Жо-ок, ток элемин.

- Самар үйдү сатып кетиптир.

- Каякка?

- Төркүнүнө го.

- Өзү билсин, бекер кылган экен.

- Ошого мен дагы кейидим, чунак келин бир кайрылып келбей кеткени кызык, сенден көңүлү калса да бизди сыйлабайбы?

- Жаман катын болбоюн дегендир…

- Аа-ай балам ай, бекер кылдыңар, жашай бергенде болмок, эми да сендей эле бирөөгө чыгат, ургаачы ушу жашынан бойдок өтмөк беле, сенден да кетиптир.

- Болдучу апа, кайда барса айда барсын, аны эмнеге сөз кылып жатасың? - Шабдан ачуулуу унчукту.

- Койдум балам, - Кантчайым кайра сыртка жөнөдү, - Келе мен жармамды жасайын.

Шабдан унчукпай жатып калды, анын оюнда Самар күйөөгө тийип кеткендей туюлду. Ошол кезде Аскар кирди:

- Кандай уулум, жылыш барбы?

- Аз-аздап.

- Ошо да жакшы уулум, кудай өмүр менен денсоолук берсе болду, апаң экөөбүздүн абабыз менен суубуз өзүңсүң, - Жанына келип отурду, - Мен чарчадым, чарбачылык боюнча семинар болду, анда көп маселелер каралды.

- Жакшы, менин ордума ким отурду, ата?

- Сенин ордуңа Турдумамбетов келди го дейм.

- Деги ошол Турдумамбетов экөөбүз өйдөлөй албадык.

- Эми буйруса сени билим берүү министрлигине сүйлөшүп жатам, сакайып бутуңдан туруп кетсең эле кызматка отурасың.

- Макул ата, кийин көрөбүз, азыр эшикке чыгарыңызчы, - деп колун өйдө көтөрдү, көбүнчө апасынан тартынып жата берет. Эшикке атасына сүйөнө чыгып таякты кармап өз алдынча басмак болду, ата-эне саксактап карап турду.

- Акырын, этият бол, - Экөө эки жагында.

- Абайла балам, көптөн бери баспаганга тарамыштар тырышып калат, - деп Аскар жандай басып баратты.

- Мындан ары өзүм барам, тура бергиле.

- Кой, атаң кошо барсын, - деп күйпөктөй түштү Кантчайым.

- Кереги жок апа, жакшы эле баратам, - деп Шабдан эки-үч кадам басып күп эте жыгылып калды, ата-эне жетип көтөрүп өйдө кылып үйгө алып киришти, ошентип Шабдан кайра жатып калды.

Гулбахар иштеп жүрө берди, бирок күйөөсү айткандай боюна болбой жатты. Аңгыча жылдар өтүп билинбей күйөөсү окуусун бүтүп келип санэпидстанцияга иштеп калды, Гулбахар өзү иштеген ооруканадан кеткен жок, экөөнүн арасы баягыдай эле салкын. Бир жолу анын иштеген жерине Самар келип ооруп жатып калды, ал боюнан түшкөндөн кийин оорукчан болуп калган, ата-энеси менен жашап мектепте тарых мугалими болуп иштейт. Гулбахар анын историясын жазып жаткан эле, ошол убакта бир иштери менен ооруканага Карим келип калды, аны көргөн Самар ордунан тура калды:

- Карим!

- Самар! - Экөөнү делдейе караган Гулбахар күйөөсүнүн ушул келинди сүйгөнүн дароо эле сезди.

- Бул жерде дагы эле иштейсиңби, Карим? - Самар Гулбахар анын аялы экенин билбей сурап калды.

- Жок, бул жерге жумуштап эле келгемин.

- Аа-а, денсоолук, иштериң кандай?

- Баары жакшы, - Карим Гулбахарды бир карап алды да, - Бул менин келинчегим, аты Гулбахар, - деди.

Самар аны бир карап алып өзүнөн-өзү уяла түштү.

- Жакшы, менин атым Самар.

- Болуптур, мен ишимди бүтүрөйүн, - деди да Карим башкы врачтын кабинетин көздөй басып кетти.

- Кечир Гулбахар, сенин Каримдин келинчеги экениңди билбепмин, биз мурдатан тааныш элек.

- Жакшы экен, кубанычтамын.

- Бул жерде Карим иштегенин көргөмүн, балам менен жаткам, ошондо көргөмүн.

- Анда мен бар болчумун, уулуңуз чоңоюп калгандыр?

- Жок, - Самар улутуна кабак чытый башка жакты карады, - Ал жок, жоготуп алдым…

- Кечириңиз, байкабай сурап алдым, - Гулбахар ыңгайсыздана тура калды, - Билбепмин.

- Эчтеке эмес, билбегендин айыбы жок.

- Сиздин ордуңузду көрсөтүп берейин.

- Макул, мен кыйналып турам, жатайынчы, - Самар Гулбахардын артынан ээрчип бош палатага кирди.

- Бул керебетке жата бериңиз.

- Рахмат, - Самар төшөктү ачып, кийимин алмаштырып халат кийди да керебетке жатып алып ойлонуп жатты: "Жакшынакай аялы бар экен, баары бир бактылуу экени көрүнбөйт, балдары болду бекен, эгерде биздин бири-бирибизди сүйөөрүбүздү билсе кандай абалда калат? Ка-ап, Каримди көрбөсөм билбеген бойдон калат элем", - деп ойлоно берди. Гулбахар өзүнчө: "Зымырайган эме тура, катуу сүйсө керек, ордунан тура калды, ушунун айынан мага көңүл бурбай жүрбөйбү", - деп ойлуу кагаздарын карап отуруп ойлонуп жатты. Кечинде үйүнө келгенде кайненеси күндө айткан сөзүн кайталай минтти:

- Балам, доктуруңа көрүндүңбү?

- Көрүнүп жатам, апа.

- Капырай эмдигиче үчтү төрөп коет элең, сени менен келген келиндер эки-үчтөн төрөп калды.

- Апа, көрүнүп жатам, - Гулбахар ичке кирип кетти, карыган киши күндө кайталай берет, Карим андан бетер сураганына эчтеке дебей кутулчу болгон: "Төрт жылдан бери төрөбөгөн аял эми төрөбөйт", - деп кайнагасы далай жолу айтканда да унчукпай коет. Кээде өз үйүнө барып чоң энесине ыйлап-сыктап алат. Кетейин десе кетиришпейт, аргасыз жашап жүрөт. Карим ал күнү эрте келди, кээде кеч келет, ал келгенде эле алдына тамак койду.

- Апам мени жүдөттү, сен дагы көрүнсөң боло, мени врачтар төрөйсүң деп жатат.

- Эмне деп эле жатасың, өзүң көрүнө бер, мен өзүмдү жакшы билем, - деп ачууланып койду Карим.

- Анда эмнеге врачтар көрүнсүн дешет?

- Айта берет.

- Макул, күнөө менде болсо сен төрөй турган аял ал, - деп Гулбахар ыйлап жиберди.

- Көп сүйлөбөчү, төрөгөнгө жетишесиң.

- Карим, биздин үйдө да балдар ойносо дейм.

- Шашпа, ойной турган күн келет, кетем дегенди токтот, же башка бирөөнү таап алдыңбы? - Карим жүзү түктөйө колун көтөргөндө Гулбахар ары болуп жалтанып калды, - Кетем дегениңди укпайын.

- Туубас деген сөздү күндө угуу мага жеңил дейсиңби?

- Эчтеке болбойт, уккандан бир жериң кемип калмак беле?

- Жүрөгүм ооруйт.

- Болду, тамагыңды да тынч ичирбейсиң, - деп туруп кетти.

- Убалым жетсин, сен албасаң эри жок жүрсөм тынч эле жашамакмын, - Гулбахар буулуга ыйлап жатты.

- Болду дедим го?

- Эмне болду силерге? - Кайненеси сырттан кирди.

- Эчтеке, тамак ичиңиз, апа.

- Ботом, урушуп жатасыңарбы?

- Жок.

- Кой балам, урушпагыла.

- Жарыктык, эмнеге урушмак элек?

- Таң, эшиктен кирип келе жатсам бакылдашып жатыпсыңар.

- Катуу сүйлөп жаткан окшойбуз, - Гулбахар күлө бага карап тынчтандырды, - Тамагыңызды ичиңиз, орун салып берейин.

- Макул айланайын, - Шарапат төрдөн орун алды, - Кыздын төрүндө отурганча уулдун улагасында отур дегендей алланын ушунусуна шүгүр, - Эне бөжүрөй колуна нандан алып жеп келини карматкан чыныдагы тамакты ичип жатып улам келинин карап коет.

- Апа, ысык чайдан ичиңиз.

- Ичтим балам, - Ойлуу ормое карады, - Деги бой-союңда барбы, айланайын? - деп кулак түрдү.

- Кечирээк болот го апа, боюңа болот, төрөйсүң деди врачтар.

- Аа-а кудайга шүгүр, ошондой эле болсун.

- Апа, кайра-кайра сурап эмне кыласың, төрөйт да, - деп Карим кирип келе жатып ачуулана кетти, - Жөн кой, убагы келгенде төрөйт.

- Койдум балам, төрөп алса өзүңөр менен тең өсөт эле дегеним да, - Эне уулуна таарынгандай кыңкая жатып калды.

Гулбахардын жүрөгү сыздаса да сыр билгизбей орун салып кайненесин жаткырып, өздөрүнүн төшөгүн салып жатып калды. Карим үйгө кеч кирип жатты, бирок экөө тең үндөшпөдү. Эртеси адаттагысындай эле жумушуна келип иш баштады, Самардын палатасына кирген жок, ичи уйгу-туйгу: "Балким Самарды көргөнгө пейли бузулаар, күйөөсү бар болду бекен, оорукчан болуп калыптыр", - деп ойлоп ичи тарып жаткандай сезди. Бир туруп: "Мейли кетсе кете берсин, мен да өз бактымды табаармын, өмүр бою өзүмдү муздун үстүндө жаткандай жашап өткүчө эркин болгонум жакшы", - деп ойлонуп кетет. Кечке Самарга жолугуудан сактанып жатты, ага укол салууга келгенде дароо Шурага айтып өзү башка оорулууга кетип калды. Ошол түнү турчу сестра Гулбахарды өз ордуна коюп жооп сурап кеткен, кечки тамагын ичип оорулууларды бир сыйра текшерип болуп уктоочу бөлмөгө кирип жатып көзү илинип кеткен экен. Коридордон адамдардын дабышын угуп ойгонуп кетти. Бир убакта алар ээрчише сыртка чыгып бараткандай болду, үндөрү тааныш көрүнүп акырын туруп эшикти ачып караса Карим менен Самар ээрчише чыгып баратыптыр, дароо каалганы жаап алып көзүн жумуп эшикке жөлөнүп туруп калды…

- Кандай ал-акыбал? - деди Карим Самарга кайрылып.

- Жакшы-ы, өзүң?

- Эптеп, сенсиз менин күнүм чыкпай калгандай.

- Андай дебе, жакшы аялың бар экен.

- Жакшысы жакшы, биз такыр башка жандарбыз, Самар.

- Тагдыр…

- Күйөөң дагы эле күпүлдөп жүрөбү?

- Кайда-ан, - Самар улутуна баарын айтып берди, - Ошондой, биз эки жакка бөлүндүк, мен минтип оорукчан болуп калдым…

- Өкүнүчтүү, эми кайдасың?

- Ата-энемдикинде болуп жатам.

- Демек, башым бош дечи? - Карим жылмая карады.

- Башым бош экени ырас, бирок эч кимге керек эмесмин, Карим.

- Неге, мага керексиң.

- Болбогонду айтпа, Карим.

- Экөөбүз кайрадан баш кошуп алсак болбойбу?

- Болбойт, мен сенин үйүңдү буза албайм.

- Менин жашоом тозоктун өзү, сен гана мени андан арачалап каласың Самаш, сени баягыңдай эле сүйөм, өзгөргөн жок сага деген сүйүүм, - Самарды колдон ала жүзүнө тигилди, - Менин сүйүүм сен үчүн түбөлүк!

- Кызык, сага ыраазымын Карим, а мен сени алмаштырып койдум, аял деген ушул экен да, бактылуу жашап бала күтсө андан башка эмне керек деп ойлогомун, көрсө аялдын чачы узун, акылы кыска деп бекер айтышпайт тура, - Каримден жүзүн ала качып бурулуп кетти, - Мен эми сени баягыдай сүйө албайм, башымдан көп нерсе өттү.

- Сен сүйөсүң, өзүңдү менден алыстатып жатасың, - Карим Самарды бекем кучактап алды, - Сен менин жашоомсуң, Самар!

- Андай дебе, үйбүлөңө бар, аялыңдын жүрөгү оорубасын, - Самар ушуну айтканда өзүнүн жасаган кылмышы көз алдына келе түштү, - Биздин кесирибиз балдарга тийбесин Карим, сенин балдарыңдын, аялыңдын убалы кимге?! - деди да Каримди түртүп жиберип жүгүрүп ооруканага кирип баратканда Карим кайра кармап калды:

- Менде бала жок, аялым төрөбөйт, Самар! - бул сөздү босогого келип калган Гулбахар угуп жүрөккө канжар матырып алгандай артына кетенчиктей түшүп дубалга жөлөнүп туруп калды.

- Кантип, төрөбөйт дейсиңби, Карим?

- Ооба төрт жылдан ашты, төрөсө төрөйт эле.

- Карим, антип аялды кордобо, мен дагы төрөбөй калгамын, экинчимди төрөгөндөн кийин бала төрөгөнгө болбой калды, мага кайрылып сүйлөөчү болбо, - деп Самар ичкери кирип келе жатканда Гулбахар кире бериштеги укол куйчу бөлмөгө кире качты, - Сен экөөбүздүн жолукканыбыз ушул болсун, кош Карим, артымдан келчү болбо! - деди да палатасына кирип кетти.

Ошондо Карим селдейе карап кала берди, процедурныйдан чыккан Гулбахар босогодон көрүнгөндө Карим селт этип кетти.

- Сен мени аңдып жүрөсүңбү?

- Иш деген иш, түнкү сменге калгам.

- Калп, мени атайын байлаган экенсиң.

- Көп сөздү коюп үйгө бар, мени издеп келдиң беле? - деди билмексен боло, - Ар убак туруп жүрчү ишим.

- Макул, кеттим, - Карим артына бурулуп жөнөдү.

- Эртең эрте барам.

- Эмнеге? - Карим токтой калды.

- Дем алыш эмеспи?

- Аа-а, - деди да ылдамдай басып оорукананын короосунан чыгып кетти, - Иттики! - деп алды ал, - Баарын билди го? - Күбүрөнө үйүнө келди.

Эртеси Гулбахар оорулуулардын уколдорун сайып, дарыларын берип коюп ордуна медсестра келгенде үйүнө кетип калды. Самар дарылануу убактысы бүтө электе эле дем алыш күнү ооруканадан кетип калды. Аны эч ким байкаган деле жок. Дем алуу күнү болгондуктан Карим үйдө болчу. Гулбахар бир ооз кеп чыгарбады, өз ишин жасап кайненесине өнтөлөй карап эч нерсе көрбөгөндөй жүрө берди. Карим бир эсе ага ыраазы болуп кетсе, бир эсе зымырайган аялына жини келип кетти. Самардын айтканы эсинен чыкпай андан биротоло үмүтүн үздү, өзүнүн тажаалдыгына жини келди: "Сүйүү бир келип кетет, бирок сүйүүдө жетпей калгандар канча, неге мынча тажаалданам? Анын да өз тагдыры бар го, менин аялым турат, аны да, муну дагы кыйнаганда эмне", - деп жатып алып ойлоно берди. Түштө кадимкидей эле жарынын алдына койгон тамагын ичип отурушту.

- Гулбахар, тамагың ширин болуптур, - деди Карим күлгөн болуп.

- Ыраспы, ушуга чейин байкабасаң керек?

- Билсем да айтпапмын.

- Келинимдин колунан да, тилинен да келет, бир гана…

- Апа, - Карим кабагын сала бурк этти.

- Мейли, каралдым, - Эне унчукпай калды.

Ошол бойдон сөз болбоду, ар кимиси өз иштери менен алек болуп жатканда Карим үйдө жаткан. Гулбахар баш бакты:

- Үйдө болгондо эшиктеги иштерди жасап койсоң боло?

- Эмне иш бар экен?

- Толтура, эркек бар үйдүн короо-жайы оңолбойбу?

- Азыр, - деген Карим унчукпай сыртка чыкты, чындап эле байкаса жасай турган иш толтура экен, атасынан калган үйдүн короосу четинен кулап, мал сарайларынын кунары кетип, жадагалса жашаган үйдүн сыртынын көчүп кеткенин байкабаптыр: "Акмак турбайынбы, бир аял деп өзүмдүн кыз алган жарымды кордосом, атамдан калган үйдү эркектей болуп оңдогонго жарабасам", - деп ойлоп чабырларынын кыйрайганын оңдоп жумуш жасаганына Шарапаттын кубанганын айтпа. Дем алуу күнү аларга билинбей өтүп кетти. Кечинде Гулбахарды чоң энесинин ооруп калганын айтып иниси чакырып кетти. Эртеси жумушка келген Гулбахар Самардын кетип калганын билип ичинен тынды.

Убакыттын суудай өткөнүн байкабай арадан дагы он жыл өтүп кетти, бул кезде Каримдин апасы да небере көрөм деген үмүт менен жүрүп көзү өтүп кеткен. Ал эми Гулбахар менен Каримдин жашоосунда өзгөрүү болгон жок, дагы деле салкын өмүр сүрүп жатты, же ажырашкан жок. Гулбахар ыйлап-сыктап алып кайра ишинде иштеп күндүн өткөнүнө баам да бербеди.

Бир күнү күйөөсү жумуштан келип эле:

- Деги сенин төрөй турган күнүң барбы, же куу баш кылып өткөрөсүңбү? - деди ачуулуу, көрсө ичип алган экен.

- Кудай бербеген баланы кайдан табам?

- Төрө, эн-неңдурайын! - деп келип Гулбахарды тээп ийди.

- Төрөтө албай төрө дегениң кандай?

- Ой эн-неңдурайын куу жатын! - деп Карим аялын эки-үч тээп, колу менен башка чаап сыртка чыгып кетти.

- Өлүп кет, - Гулбахар ботодой боздоп ыйлап жатты.

Ошол бойдон Карим үйгө кирбеди, ал өзү менен бирге иштеген бойдок келин менен жүрөт, анын үйүнө барса эки-үч күн жоголот. Гулбахар түнү бою ыйлап эртең менен жумушуна кетти, анын түрүн көргөн курбу келин:

- Ой сен уктаган эмессиң го? - деди.

- Эмне болуптурмун?

- Көздөрүңдү карачы?

- Баягы да, - Гулбахар күзгүгө каранып көздөрүн сылап койду, - Баягы да курбум, мен бир бактысыз аял болдум го?

- Койчу курбум, ушу сен бирөө менен жүрүп төрөп албайсыңбы?

- Кайдагыны айтпасаңчы, Карим баарын билет, ал мени тирүү коебу.

- Билгизбейсиң да.

- Корком, курбум.

- Коркпо, мен сага жардам берем, - деп Зиягүл аны колтукка түртүп жылмайып койду.

- Андан көрө жумушка киришели.

- Жумуш кайда качмак эле?

- Эч нерсеге көңүлүм жок, Зияш.

- Макул эми, менин айткандарымды эсиңе алып кой, ойлонуп көр, сени аяганымдан айтып жатам, - деп Зиягүл кабинеттен чыкты, анткени оорулуу аял келип аны чакырып кеткен эле.

Гулбахар тиричилик, жумуш деп жүрүп дагы арадан он жыл өттү, Карим экөөнүн жашаганына он тогуз жылдай болсо да согончогу канабай, балалуу болуудан таптакыр үмүт үзүп калганда жогоруда айтылгандай Амантур деген балалуу болушпады беле.

Бул турмуштун ысык суугу баягы мөлтүрөгөн жаш келинди тотуктуруп, алтымыш жаштын кырына алып келген. Карим жетимишке таяп агала сакал абышка болуп калса да жүрөгүндө бир адамдын аты жазылып өчпөс болуп катылган бойдон. Кээде эстесе текке өткөн өмүрүн кайрадан баштагысы келип өткөн өмүрүнө өкүнүч кылып жүргөн кези, эми картайганда көргөн Амантурун үйлөнтүп жайлантуу милдети турат, калган максаты түшкө кирген жеңилүү, жеңүү деген оюн сымал…

Самардын жашоосу тозокко айланып кийинки кездери өз кылмышын эстеген сайын өзүн күнөөлөп оорулуу болуп кетти. Шабдан туура бир жылдан кийин кадимкисиндей болуп басып калган, бирок ал атасы айткан кызматка барбады, Самардын агасы Мамытбектин оорудан каза болгонун угуп батага барды, эл тараганча ошол жерде болуп, койгондон кийин Самарга жолукту:

- Кандай Самаш, Мамытбек акенин өтүп кеткенине көңүл айтам, кайгыңды тең бөлүшөм Самаш, жаны жаннатта болсун.

- Рахмат келгениңе.

- Акылбал жакшыбы?

- Кудайга шүгүр.

- Самаш, мени кечир.

- Эмнеге, баары өткөн иш го?

- Ошентсе да, кетирген каталыгым үчүн өзүмдү кечире албай жүрөм, сени унута албай бир өмүр өтүп барат, Самаш, - Шабдан ойлуу телмирди, - Сен менин бактым экениңди байкабай жүрүпмүн, кайрадан жашообузду башынан баштасак кантет?

- Шабдан, болбогон ишти айтуунун кажети барбы, андан көрө сакайып кетипсиң, аман бол, үйлөнүп ал, андагы кыял жорук менен мүнөз өзгөргөн, бүгүн кайгы тартып отурганда минткениң болбогон иш, урушкансып жолукпай кое албадым, эмесе жакшы бар, - деп Самар үйүнө кирмек болду.

- Макул Самаш, дал ушул күнү кайын журтума ачык айтып сүйлөшөйүн деген ойдо элем, канча күт десең күтөйүн, - деп коштошуп жөнөдү.

Самар буга чейин канча ирээт жеңилдик кылганына өкүнүп келсе азыр андан эки эсе өкүнүп турду. Кийинки кездери өзү дагы жаман түштөрдү көрүп, өлгөн аялдын элесин көрбөсө да ак кийимчен аял көп кирет. Чоочуп ойгонуп боюнан түшкөндө дагы ак көйнөкчөн аялдын киргенин эстеп жүрөгү шуу дей түштү: "Демек менин күнөөм экен да, аял башым менен неге ошого бардым экен, акылсыздыгым өзүмө шор алып келди, Шабдан менен кайра кантип жашамак элем, көргөн сайын өткөн каргашалуу түндү эстей берип өзүмдөн-өзүм бүтпөйүнбү", - деп ойлоно берип башы ооруп чыкты. Агасынын кыркы өткөндөн кийин Шабдан калып Самар менен сүйлөшмөк болуп экөө эшикке чыгып отургучка отуруп саамга үн катпай отурушту:

- Самаш, ойлондуңбу? - деди Шабдан.

- Эмнени ойлоном, кайра бара турган болсом кетмек белем?

- Самаш, биз эми бала эмеспиз, кайрадан жашайлы.

- Болбойт, кайталоонун кереги жок, мен жообумду бердим, - Ордунан тура калганда Шабдан колунан кармап калды:

- Мен сени кетирбейм Самаш, оорунун айынан гана бара турсун дегем, эми сенден ажырабайм.

- Кое бер колумду! - Самардын үнүн таптакыр башка жактан чыккан өңдүү бөлөкчө угулду, сүйлөп ийгенин өзү сезбеди, көз алдына караңгыда эркекче кийинип алып колундагы бычакты койнуна катып алып жасаган кылмышы тартылып, - Мен эч качан сени көргүм келбейт, ойношуң экөөңдү тең жайламакмын, сенин тирүү калышыңды каалаган эмесмин, жек көрөм сени, жек көрөм, жек көрөм!! - деп өзүн жогото кыйкырып жатканда Шабдан аны эси оой карап колун кое берди.

Эмне дээрин билбей тура берди, эсине келгенде жанында Самар жок эле: "Эмне деди, эмне деди бул?! Мени өлтүргүсү келген өз аялым беле? Кантип, ошол иш кантип колунан келди, түндөсү менин артымдан келгенби ошондо? Демек Асылайдын өлүмүнө, менин жыл бою азап тартышыма ушул аял күнөөлүү экен го?", - деп эндирей басып кетип жатты, бирок бул жөнүндө жан адамга айтууну каалабады, үйүнө келип эле өз бөлмөсүнө кирип жатып алды, ата-энеси күйпөлөктөп сураса эчтеке айтпады. Аз күн өткөндөн кийин ал жумушка орношту, Самарды ойлобоско аракет кылып иш менен алек болуп жүргөндө Аскар Орозалиевич бир кызды сүйлөшкөнүн айтып бат эле ич арада куда түшүп үйлөнтүп коюшту. Азиза жаш, сулуу кыз, жашы жыйырмада, ал ата-энесинин айтуусу менен чыкты. Шабдан аны берилип жакшы көрдү, көзүнүн агы менен тең айланат. Самарды жашоосунан биротоло чийип көңүлү калды, көргүсү жок. Жыл айланбай Азиза уул төрөп алды, Шабдандын кубанганын айтпа.

Самар бир учурда өзүн таптакыр жоготуп жинди болуп барып зорго сакайды, анын атасы да апасы да өткөн, жеңеси Лариса гана аны карап сыйлайт.

Арадан жылдар өтүп заман өзгөрүлүп калган кезде Каримдин балалуу болгонун угуп, Самар атайын төрөт үйүнө келди:

- Гулбахар, балалуу болупсуңар, куттуктайм, - деди жолугуп.

- Рахмат, келгениңе кубанам.

- Балаңдын өмүрү узун болсун, менин келгенимди Каримге айтпай эле кой, - деген Самар баланын кийимин алып колуна берди да жөнөп кетти.

Амантур чоңоюп калган кезде базардан дагы жолукту, бул кезде Гулбахар баарына кайыл болчу, көптөн күткөн эне деген бакытка тунуп турган кези. Уулу менен Мукарам үчөө отурган, күйөө баласы Самарбек өзү келиптир:

- Эже, тойго жүрүңүз, менин кызым Бишкекке турмушка чыгып жатат.

- Жакшы болгон тура, барбай анан, кел нан ооз тий.

- Жок, шашып жатам, - Самарбек шашыла нан ооз тийип кайра чыкты.

Көрсө Шабдандын баласы Самарбектин кызын алып жатыптыр. Токсон алтынчы жылдары Бишкек шаарындагы чоң ресторанда той болду, Гулбахар ал тойдо конок болуп катышты, Шабдан алтымыштарга чыгып буурул чач адам болгон, Аскар Орозалиевич болсо сексен бештердеги кыргыйдай кырчоо чал, апасы Кантчайым жетимиш беш жашта, небересинин тоюн аттуу-баштуу адамдарды чакырып кудалары менен өткөрдү.

Шабдандын келин алып той бергенин угуп Самар агасынын үйүндө кулак үстүндөгү ак чачын түртө: "Аттиң, акылсыз аялдын өч алганын кара", - деп үшкүрүп алды…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз