Айгүл ШАРШЕН


"Керээз"


Ызак ата-энесинен калган байлыктын арты менен бардар жашайт, аялы күйөөсүнүн байлыгына карап гана жашап калган эле. Анткени ал Зуура менен ата-энесинин айтуусу менен үйлөнүп калган, карапайым жигит ал кезде сүйүү эмне экенин сезген эмес, жашоо деген ушул тура, үйлөнүп, тукум улоо, байлык көбөйтүү, өмүрдө эч нерседен кемибей өтүү деп ойлогон эле….

Зуура төрөбөдү, ата-энеси жалгыз уулунун баласын көрүп, небере жытын жыттайбыз деп жүрүп көздөрү өтүп кетти. Айыл жеринде мал менен жашагандыктан Зууранын ата-энеси жок жетим жээни алардын үйүндө жайы-кышы малын багып жүрчү. Бир күнү Зуура:

- Ызак, Байтурду үйлөнтүп койсок кантет, мен бар үчүн ушул жерде жүрөт, эч кимим жок, аял алса менин да, сенин да колуң узарат, - деди күйөөсүнө.

- Жактырган кызы бар бекен?

- Сурап көрөйүн, балким бар чыгаар.

- Үйлөнөм десе үйлөнсүн.

- Макул мен ага айтайын, - деп Зуура жээнинен сураса ал капалуу минтти:

- Таеже, өзүм жетим бала болсом, мага ким тийет, сүйлөшкөнгө менде убакыт барбы?

- Анда биз таап алып берелиби?

- Алып берсеңер каршы эмесмин, ансыз дагы инимдин азабын тартып келем, быйыл төрткө чыкты, анын кабарын ала албай жүрөм.

- Алып келбейсиңби?

- Өзүм зорго батып жүрсөм аны кантип алып келем, экөөбүз эки жакта жүрөбүз, жетимдиктин азабынан.

- Алып кел, биз сени үйлөнтөбүз, наркы үйгө жашай бересиңер.

- Макул, үйлөнгөндөн кийин алып келейин.

- Болуптур, мен Ызакка айтайын, анын кадыры бар, - деп Зуура кым дей түштү, үч-төрт жашар инисин алып келсе өзү багып алмак болуп ичтен ойлонуп алды. Ызак өзүнүн теңтушунун эле кызына куда түштү, ал жок дебеди, анткени Ызактын колу ачык берешендиги, доско бекем чынчылдыгы ага жакчу, келип кетип жүрүп Байтурду көргөн. Көп өтпөй эле Байтурду Мыскалга үйлөнтүштү. Ызак жаңы салган үйдө жашап, эски тамы деле заңгыраган там, аны ошого бөлүп коюшту. Көп өтпөй Байтур иниси Артурду алып келди. Зуура чогуу дасторкондо отурушканда Ызакка минтти:

- Ызаке, Артур биз менен эле тура берсин, Байтурлар жаш эмеспи.

- Жашай берсин.

- Мына балам, сен биз менен жашайсың, Байтур менен Мыскал биерде эле, мен таежең болом ээ?

- Макул, - деди Артур, ал көрүнгөндүн колунда жүрүп тартынчаак болуп калган, аны мончого түшүрүп, кийимин жаңылап кийгизди да бир бөлмөгө өзүн киргизди:

- Бул сенин бөлмөң болот балам, - деп өзүнө тартууга аракет кылып алынын жетишинче жалпактап жатты. Ошол бойдон Артур таежесин апа, таежездесин ата деп өз баласындай болуп калды. Төрөбөдүм деп Зуура бир дагы жолу камыкчы эмес, өзү сулуу аял болгондуктан кийимдин жаңысын кийип, отуруш менен тойлорго барганды сүйгөн аял эле. Мыскал адеп келгенде күйөөсүнөн өтүнө албаса да: "Бул жерде канчага чейин жүрөбүз", - деп айта баштады. Бирок Байтур үндөбөй кутулду, таежеси менен тажездеси ага үндөгөн эмес, малынын өлгөн житкенин өзүнө берчү: "Муну менин көзүмдөн алыс кыл, кааласаң ыргытып жибер", - деген кыялы бар. Анткени: "Балам болбосо жыйган дүйнөмдүн эмне кереги бар, бир башым акыры ары карап кеткенде сенде калат", - деп ойлочу.

Байтурдун жакшы касиети эч качан бирөөнүн бир кылына кара саначу эмес. Артур чебелектеп агасына жардам берип, жайкысын козу-улагын кайтарса, кышкысын сугарып чөп салып дегендей кол кабыш кылып жүрө берет. Зуура өзү аны жумуш жасаткысы келчи эмес, ошого таянып: "Өз баламдай кылып багамын, Ызак кайда бармак эле, акыры көнөт да", - деп ойлонуп селсоветке барып күбөлүк алмак болду, анткени Артур төрөлгөндөн он күндөн кийин эле ата-энеси өлүп калып мындайраак туугандары Байтур экөөнү тең багып жүргөн, алар Байтурга кордук көрсөтүп ийгенде качып келген болчу. Зуурага деле анчалык жакын жээн эмес, таежесинин кызынын баласы болот.

Ызак ошол кезде жоро бозого барып күндө кеч келип жүрүп Сааданы жолуктурду, анда Саада он алты жаштагы келин, ата-энесинин төрүндөгү тул калган зайып болчу. Мөлтүрөп сулуулугу жанда жок эле, асмандагы айга окшоп булуттан чыга калгандай, күлкүсү булак суусунун үнүндөй шыңгыр эткен, көздөрү карагаттай болуп бир көргөн адамдын көзүн күйгүзүп, жүрөгүн солк эттирип коеор эле. Атасы жалгыз чоңойтуп ал он бешке чыкканда үйлөнүп, ал аялы кызына өч чыгат да жашында күйөөгө берип ийген. Күйөөсү өтө заар болуп жаштыгына карабай уруп согуп жарым жыл жашаган соң ыйлап-сыктап келип алган. Өгөй эне аны кайра жөнөтөөрдө атасы жибербей койгон. Саада атасынын үйүнөн мындайраак туугандарынын үйүнө кетип калган, анын кызы экөө тең чама болгондуктан экөө бирге эки жакка чыга калчу күндөрдүн биринде Ызак аны көрүп калып көз айрыбай карап калды.

- Эй Ызак, сага эмне болду? - деди жанындагысы.

- Тээтиги кыз ушул айылдыкпы?

- Кайсы?

- Тээтиги эки кыздын беркиси, - Колун жаңсай Саада менен Сонону жаңдады эле ал каткырып алды.

- Кызды тапкан экенсиң, ал келин.

- Кимдин аялы, мен билемби күйөөсүн?

- Анын күйөөсү башка айылдан, ажырашып келген, Урматбек байкени билесиңби, ошонун жалгыз кызы.

- Аа-а, анда тааныштырбайсыңбы.

- Келиндер менен таанышып жүргөнүңдү укса Зуура соо койбойт.

- Коркпо, өзүм жооп берем.

- Койсоңчу, сенде байлык бар, ал катын сенден оңой ажырай койбос, дос.

- Ажырайын дегеним жок, бирок тиги келин жагып калды.

- Болуптур, экөөнү тең тааныйм, тигиниси кыз, күйөөгө тийе элек.


- Эмесе беркиниси менен тааныштыр, эртең ушул жерден күтөм, - деп Ызак атын темине бастырып жөнөдү. Ал кеч келсе Зуура аны күтүп отурган экен, төрөбөгөн аял өтө митайым анан жаракөр, сыр билги болот эмеспи, адегенде эле жаркылдай:

- Ызаке, мынча кечигип кайда жүрөсүң, ачка-ток жүрүп ооруп калба, - деди үстүндөгү куфайкасын чечип жатып.

- Кардым ток, мени такып сурабачы.

- Сен менин күйөөмсүң, анан өмүр шеригимсиң, мен сен үчүн кабатыр болбой кантем?

- Болуптур эми, эс алалы, - Ызак көңүлсүз чечине төшөккө бой урду.

- Бүгүн колхоздон киши келди, эт төккүлө дейт, же эч жерде иштебесең эмнеге эт төгөсүң?

- Төгүш керек, алар бекер алмак беле, акчасын беришет, тоодон бир бука алып келип төкпөсөк болбойт, ансыз дагы бекер жатпай уйчу же койчу бол дегенинен болбой койгомун, мал каттоодо туугандарга жаздырып койгонумдан жүрөм, сен эми эмнени билесиң, малдуу экениңди билсе таптакыр тартып алат.

- Кой анда бука төгүп кутулалы, баса тиги Байтурдун энчисине деле жаздырып кой да беш кой, бир уй кылып, бир минген атын жаздырып койсоң, - деп жасакерлене кетти, - Салыгын өзүбүз төлөй беребиз, башы биздики да.

- Кайдагыны айтпачы, баккан акысын алып жатпайбы, жетет ошол.

- Өзүң бил, - Зуура унчукпай калды, андан ары сөзүн көбөйтсө билет ал Ызактын сырын, сүйлөбөй туруп бир чапмак. Ошону менен унчугушпай жатып калышты, эртеси Ызак эч жакка барбай кечке үйдө болду, жуунуп алып сакал мурутун кырдырып, кечке маал кийинип алды да аттанмак болду, Чатыр-Көлдөй мемиреген тоонун сыдырым жели чөп башын сыдыра, көйкөлгөн эгиндер жаңыдан баш алып турган чак. Сеңселген буудай чети менен төш тарапты көздөй кетип жатты: "Эмне болду экен, Камчыбек келинди көндүрө алдыбы же болбой койду деп келеби, мен баары бир ага жетем", - деп ойлонуп келе жатканда Камчыбек алдынан чыкты:

- Эмне болду, жообун алдыңбы?

- Ооба, шашылбай тура тур.

- Жарайт, кызматың үчүн бир козу аласың.

- Ой чын элеби? - Камчыбек тамашадай көрүп ишенбей карады.

- Мал жайлоодон келсин.

- Ой кечээ айтканыңда дароо эле чакырып бербейт белем? - Камчыбек кайра каткырды.

- Кана, качан келет эми?

- Чыда, азыр кашыңда болот, - дегиче шыңк-шыңк эткен үндөр угулуп ары жактан экөөнүн караандары көрүндү, - Мына, айтпадым беле? - Камчыбек кыздарды көздөй бастырды, - Оо келгиле Карлыгачтар, келгиле!

- Саламатсыздарбы? - Саада Ызак менен баш ийкей учурашты, - Эмне, ушул жакта болот бекен концерт?

- Ооба, мына бул жигит казактын Төлөгөнүндөй өлөң айтат экен, - деп Камчыбек Ызакты көрсөтө колун жаңсады.

- Камчы, антип кыздарды алдаган болбойт, - Ызак токтоо унчукту, - Андан көрө кыздар менен тааныштырбайсыңбы?

- Ой, унутуп калганымды кара, - Камчыбек кыздарды карап, кайра Сононун жанына келип, - Бул сулуу кыз менин чүрөгүм, менин жүрөгүм Соно, - деп кызга көзүн кысканда Соно кызара башын жерге салды, - А мунусу болсо ушул Кара-Кол өрөөнүнөн чыккан айтылуу сулуу Саада, - Камчыбек Саадага кайрылды, - Мен туура айттымбы - Саада?

- Ашыра чаап ийдиңиз, - Күлүмсүрөй Камчыбекти карап койду.

- Ал эми бул болсо бала кезден бери ойпоң-тайпоң ойношуп чүкөнү атып кулак толгошуп бирге өскөн досум Ызак бай.

- Жакшы экен, таанышууга не себеп? - Саада экөөнү тең алмак-салмак карады, - Кечки күүгүм ак жайда, аркыраган суу боюнда кыз-жигиттердин тикелешип турганы журт ичинде айың-ушак болчу эле?

- Саада, бул үчүн Камчыбек күнөөлүү эмес, көргөндө көздү талдырган, акылды алып көңүл азгырган, толгон айдай толукшуп, көгүчкөндөй кулпурган өзүңүз күнөөлүүсүз, - деп Ызак Саадага жакындай берди. Булар бири-бири менен кенен кесир таанышсын дегендей Камчыбек менен Соно ары басып кетишти, алар көптөн бери кыз-жигит, ушул күздө үйлөнөбүз деп турушкан.

- Сулуу болуш айып бекен байкеси, сулууларга көңүл буруп нетесиз, угушумча үйбүлөңүз бар экен, же зайыбыңыз мандеми бар мажеспи? - деп Саада мисирээ караганда Ызак күлө бага:

- Сулуу келин, көөнүм түштү өзүңө, көрк десе көрк, нур бар экен көзүңдө, бир көргөндө ашык болдум карайлап, чокту салдың бир карашта жүрөккө, - деп Ызак келиндин колунан кармай калды, - Кабыл алчы жүрөгүмдүн каалоосун, өчүрбөчү сезимимдин алоосун, тизе бүгүп суранайын өзүңдөн, сырдашалы көңүлдөр кайт болбосун:

- Алсыз эркек чөгөт, ыйлайт аял алдында, намысы бар жигит минтпейт, туруңуз, акыл калча сүйлөшөлү эмесе, акыйлашып отурбастан угуңуз, - дегенде Ызак тура калды.

- Саада, мени кечир, сүйүү десе ишенчү эмес элем, кечээтен бери өзүмдү коерго жер таппай түнү бою уктай албадым.

- Бир көргөндө сүйүпсүз, ишенейин, үйбүлөңүз кантет?

- Сен экөөбүз сүйлөшүп сөзгө келсек андан аркысын өзүм бүтүрөм.

- Мен жөнүндө билесизби? - Саада Ызакты сынай карады.

- Толук эмес, бирок уккам.

- Демек билесиз, - Саада ойлуу унчукпай отуруп калды, Ызак анын жанына отурду, келин аны көз кыйыгы менен карап коет: "Ичинде кири жок, ак көңүл адам экен, аялын сүйбөсө керек, баласы да жок тура", - деп ойлонуп калганда, Камчыбек менен Соно басып келишти. Соно негедир өтө жоош кыз, үйдөбү же талаадабы үн катпайт. Сураса жооп берет, эгер өзүнө керек болсо сурайт, ага караганда Саада ачык айрым, эң жөнөкөй, боорукер.

- Жакшылап таанышып алдыңарбы? - Камчыбек жете келип суроо узатты.

- Бир айыл болуп калдык, - Саада бош жооп берди.

- Оо, эми эле бир айыл болуп калсаңар, эртең бир үйбүлө болуп чыга келесиңер го?

- Ошондой болсо кана? - Ызак оор күрсүнүп алды, - Азыр бир айыл болгон менен арабыз алыс болуп жатпайбы?

- Али көп убакыт бар, ыйлап сооронгон баладай үмүтүңүздү үзбөңүз, - Саада ушул кез күлүп калды, - Дароо эле жакын коно калган эки үйдү көрдүңүз беле?

- Көргөм.

- Жаңыласыз, тууган-туушкан болсо да жакын болушу мүмкүн, экөөбүз бири-бирибизди жаңы көрүшүп жатпайбызбы?

- Кеттикпи? - деди ошондо гана Соно үн чыгарып.

- Кеттик, - Саада өйдө болду, - Бизди издеп калышпасын.

- Ушунча шаштыңарбы, бир аз тура турсаңар болмок, - Ызак Саада кетем десе жалдырай карады, - Кең-кесири сүйлөшсөк жакшы болот эле, Саада.

- Көрүшчү, жолукчу күндөр бар, биз кайталы, мага эчтеке эмес, Соно али үйдөн чыга элек кыз, уят болбойлу, - деди да Сонону ээрчий жөнөдү, эки жигит аларды узата карап кала беришти.

Андан кийин Ызак менен Саада жолугуша баштады, ал турсун бири-бирин көрбөсө тура албай турган абалга келишти. Ызак аялы менен ажырашам деди эле ал эбак эле Артурду өзүм төрөгөмүн деп күбөлүк алып коюптур. "Энчи алам, бул үйдү мага бересиң да кете бересиң" деп чыкты. Ызак аны менен акыйлашкысы келбеди, мал сатып Саадага үй алып берип киргизип койду, Сааданын атасы ооруп жаткан, анысын укпай өтүп кетти, баарына кайыл болгон келин өзүнчө жашап жатты. Бир күнү Ызак келгенде:

- Сүйүнчү, жакшы кабарым бар, - деди Саада мойнуна колун ороп.

- Болсун-болсун, тапканымдын баары сеники, жадагалса өзүм сеникимин, - деп кучагына кысып көздөрүнөн өөп жатты.

- Менин боюмда бар!

- Койчу, ырас айтасыңбы?

- Бүгүн доктурга барып келдим.

- Алтыным десе, оозуңа май, бүт дүнүйөм, бар тулкум сеники! - Көтөрүп алып төшөккө жаткырды, - Саада, мага уул төрөп берчи?

- Жарайт, эмитен эркек бол деп айтам, жарайбы? - деп каткыра экөө моюндаша төшөк үстүндө ойноп жатышты.

Ызактын кылыгына Зууранын жаны кашайып чычалап жүрдү, бирок төрөбөгөнүнө ызаланып ыйлап, күнөө өзүндө экенин сезип унчукпай жашап калды. Бирок Ызак келгенде кадимкисиндей эле үстүндөгү кийимин чечип илип, алдына тамак-ашын жайнатып жаркылдап тосуп алат. Ызак ага жини келип турса дагы унчукпай тим болот, ошентип арадан бир жылдай убакыт өткөндө Саада уул төрөдү, бирок жарыкка келген уулун көрбөй, төрөт үйүнөн эле көз жумду. Ызак никелүү аялы болбогон соң баруудан тартынды, болгону ыгым-чыгымын бүт жеткиртип коюп наристени үйүнө көтөрүп келди. Адегенде Зуура аны көргүсү келбеди:

- Ызак, мени кандай кыйнасаң кыйна, балаңды бага албайм.

- Өзүм багам, төрөп бербесең, балалуу болсом бакпасаң, анда каалаган жагыңа бара бер! - деди Ызак ачуулана.

- Мени андан көрө өлтүрүп салсаң болмок, кайдагы сойкунун баласын мага бак деп кыйнабай, - долуланып ыйлап кирди.

- Өз ажалыңдан өл, сага колум да тийбейт.

- Эмне кылайын, кудай бербесе колумдан эмне келет, Артур деле сени ата деп жаны калбайт, ага аталык мээримиңди бере албайсыңбы? - деди Зуура эптеп ага баланы жармаштыргысы келип, ошол убакта Артур каалганы акырын ачып кирип келе жаткан.

- Ал менин өз каным эмес! - дегенде ал кайра артка кетип калды.

- Каның болбосо да аталап турат, туубасам да аны тутунуп отурам, экөөбүздүн он беш жылдай жашаган жакындыгыбыз бар го?

- Зуура, мен силерге эчтеке дегеним жок, болгону баланы бак дедим, өзүң төрөбөгөндөн кийин менин баламды бакпасаң бул жерде эмнеге жүрмөк элең, эки иниңди ал да бара бер! - дегенде Мыскал кирип келип:

- Баланы мен эле багам, бериңиз, - деп Ызакка кайрылды.

- Балам, ууз ичпеди, кантип багасың?

- Байке, мен бала багып эле жүрөм го, балама кошуп багып берейин, кам санабаңыз, сүт деген бар, ороо-чулгоосун эле даярдап берип туруңуз, - деп Мыскал баланы көтөрүп алып кетти.

- Макул, сен баксаң баарын өзүм даярдап берем, - деп шалдырай отуруп калды Ызак, бир жерде соксоюп Зуура, бир жерде Ызак, экөөнүн ортосу алыстап бараткандан бери бирге жата элек, канчалык кууланып, жасакерленсе дагы Ызак ага көңүл бөлбөй Саада үчүн катуу күйдү.

Ызак уулунун атын Өскөнбай койду, анын тилеги жалгыз баласын өнүп-өссүн деп ойлоду. Бара-бара баарын унутуп жашоо тиричилиги менен алек болуп эрмеги Өскөнбай, бир айдай болуп калган, түштө Ызак Мыскалдардын үйүнө барып уулун көргөнү бөлмөгө кирип барса көзүң жамандыкты көрбөсүн, Артур баланын оозуна эми жаздыкты басканы жатыптыр:

- Артур! - деп үнүнүн барынча бакырып жете келип Артурду жаактан ары чаап жиберди, - Ат-таңдын оозугур-райын десе, ал сага эмне кылды ыя?! - деп колундагы жаздыкты сууруп алды. Артур ыйлаган бойдон чыгып кетти.

- Эмне болду, жезде? - деп Мыскал ичкериге баш бакты.

- Мына бул бөлмөгө менден башка адам кирбесин, - деди ачуулуу Ызак.

- Эч ким кирчү эмес эле, Артур качан келип калды экен? - Мыскал күнөөлүүдөй күңк этти.

- Мен өз көзүм менен көрдүм.

- Аны көрбөдүм, эжеме айтайынчы.

- Эжең менен өзүм сүйлөшөм, балага сак бол, - деди да уулун өөп алып чыгып кетти.

Чынында Артурда кызганыч пайда болгон эле, бала болсо дагы Зууранын айткандарын угуп өзүнчө ойлогон го, Ызак барганда Артурду тилдеп калды эле ал:

- Ата, мен деле сиздин балаңызмын го, эмне аны алып келип алдыңыз? - деди көзүн жашылданта, - Ал арам төрөлгөн дебедиби апам.

- Бас жаагыңды, апаң сүйлөй берет, Өскөн менин кара чечекей балам! - деп Артурду акырая карады.

- Артур, бара гой, сен ойноп келчи, - деп Зуура аны акырын сыртка чыгарып ийди, - Баланы имерип кой да Ызаке, сенин балаң менин балам дегендей, биз бир үйбүлөбүз, ырас адегенде кабыл алыш кыйын экен, чоңое берсе акыры өзүм энеси болом го? - деп Ызакты жайгара сүйлөдү.

- Сен үйрөттүңбү, ушундайда тумчуктуруп сал деп, болбосо кайдан ошол эсине келсин, какыс-кукустан эчтеке болбойт, - деп Ызак жоошуй сүйлөдү.

Күндөр өтүп Өскөн күлүшүп үн салып калганда Зуура аны алып келип карап жатты, бирок жаш бала бакпаганга эби жок, Мыскал ага караганда шыпылдап киринтип-жуунтуп көбүнчө өзү карайт. Байтур оозуна чөп албаган жоош-момун жигит, үйбүлө күтүп өзүнчө жашап жатканына ыраазы, байлык же мал-сал деп жутунбайт, ага караганда Мыскал кээде анын кулак мээсин жейт.

- Өмүр бою бирөөнүн эшигинде жүрө беребизби, атам берген торпок уй болуп калды, эптеп бир жер алып үй салсак боло.

- Үйдү салыш үчүн көп каражат керек, чыдай тур, Ызак жезде деле жардам берет, менин атамдардын үй-жайы бар эле, жаштык кылдым, ким алып алды, ким жашап жатат, билбейм, - деп нымтырады Байтур.

- Ата-энеңден калган үй болсо бир күнү билип келбейсиңби.

- Ошого барыш керек эле, кол бошобойт.

- Кара кекиртек үчүн жашап калдык, балдар эми эле чоңоет, жок дегенде өзүбүзгө энчилүү үйүбүз болбосо кантип балдарга баш көтөрөсүң?

- Ырас-ырас, - Байтур башын ийкеңдетти.

- Атамдар деле жардам бермек, өзүбүзчө болобуз дегенде кубанат эле, - Мыскал жебиреп жатты. Эки уулу тең жаш, бири жаңы басып жүрөт, бири эки-үчкө чыгып калды. Мыскалдын ата-энеси да колунда жогураак жашоочу, кызына бир сыйра жууркан төшөктү зорго берген. Өскөнбайды көтөрүп келип, кайра алып барып берип турат, Зуура ичтен жаман көрсө дагы сыртынан колуна алып, Ызактын көңүлү үчүн баланы жакшы көргөн кейиптенип кетет ар убак. Анткени төрөбөгөн аялда өз эмгегине карап бөлүштүрбөсө баласы жоктук сүйлөгөн сөзү арык аттап суу кечпей калат. Ызак унчукпай калат, баласын көргөн сайын Сааданын элеси көз алдына тартылып оор күрсүнүп алат: "Байкушум ай, неге өмүрүң кыска болуп калды, кудай таалам, мага сени менен кошо бир бакытты берип кайра алып койду, айла канча, баарыбыз алла тааланын кулу экенбиз, өлүмдү токтотуу колдон келбеген иш экен да", - деп ичтен сызып ойлуу кайгысын жута алаксып кетет.

Убакыт учкан куш дегендей Өскөнбай апасына окшогон кара каш, кара көз жигит болду, мүнөзү Ызактын эле өзү, жоош-момун, сүйлөгөн сөзү орундуу, акыл-эстүү. Бул кезде Ызак картайып калган, малынын көбүн сатып кассага салып, ошондо дагы малдуу жандуу, өмүрү совхоз-колхоздо иштебеди. Үйлөрү зыңгырап ичине кирсе чыккыс. Артур да үйлөнгөн, аны мал доктурлукка окутуп койгон, Өскөнбайды мектепти бүткөндө эле мугалимдикке тапшыртып койду, Артур бул убакта ветврач болуп иштеп жаткан, Ызак балам жок деген арманы арылып үйбүлөсү менен бакыбат турмушту башынан кечирип, Зуура экөө бири-бирин сыйлап жашап калган. Бирок Зууранын котур ташты койнуна катып жашап жүргөнүн ал байкаган жок. Анда-мында кан басымы көтөрүлүп, кээ-кээде жүрөгү ооруп дары иче койчу, жүрөгү кармаганда дарысын ичпесе жашай албачудай сезип Өскөнбайга өзүнчө үй салып берип экинчи курска келгенде үйлөнтүп, энчисин өзүнчө бөлүп койду, ошондо Зуура аябай жини келип уруш чыгарды:

- Өскөнбайды бөлүп эмне кереги бар, андан улуу Артурду бөлсөң болбойт беле, качан болсо бөлүп-жарып жүрөсүң.

- Бөлгөнүм жок, ал өзүнчө боло берсин, - деди Ызак токтоо гана.

- Ичиң арам, өмүр бою сени сыйлап аталап, ысык-суугуңа тоңуп келе жатат, анын эмгеги сен үчүн арзыбайбы?

- Койсоңчу Зуура, мен адил элемин, Артурду окутуп койдум, ишинде иштеп жатат, үйлөнттүм балалуу болуп калды, андан башка дагы эмне кылышым керек айтчы, - Чынында Артурду сен жармаштырдың эле, сенин көңүлүң үчүн баарын жасадым, эми эмне кылайын? - Ызак аялын жини келе карады.

- Артурга дагы үй салып бер!

- Өзү үчүн кам көрө турган жашка келди, мен милдетимден кутулдум, - деп сыртка чыгып кеткенде Зуура анын артынан чыкты.

- Ийи, ал сенин өзгөчө балаң да ээ, анын энеси өлбөсө ажырашмак эмессиң, аргаң жок артынан кете албай калгансың, ошону үчүн ал төрөгөн бала сен үчүн кымбат! - Артынан калбай сүйлөп жатты.

- Ооба, Өскөн мен үчүн абдан кымбат, ал менин өмүрүмдү узартчу, учугумду узартчу ордумду басаарым! - Артына кайрылып калчылдап кетти, - Артур менин эч кимим эмес, кандай түшүнбөйсүң, ошондо дагы аны мен өз баламдай эле чоңойттум, окутуп үйлөнттүм.

- Ошону көп көрүп жатасыңбы?

- Сен айттырбасаң айтмак эмесмин.

- Кой Ызак, андан көрө балаңды эмес Артурду өнтөлөсөң ошондон көрөт элең го, Өскөн сени сыйлайбы же сыйлабайбы кудай билет, - Зуура кайра жасакерлене сүйлөдү, - Сени бала күнүмдөн бери сыйлап жашап келе жатам го?

- Мен сени чекеңе черттимби?

- Жок-жок, ошонуң үчүн жашап жүрөм да.

- Ой-бо-ой, куусуң ээ куусуң, - Ызак аялын карап мыскылдуу күлкүсү менен карап баш чайкап туруп калды.

- Сен өмүрүңдө мага ыраазы болгон күнүң барбы, төрөбөгөнүм күнөөбү, кудайдын амири экен, согончогум канабады, - Зуура ыйлап калды, - Эгерде төрөсөм ыраазы болоор белең?

- Болду эми, өз оокатыңды кыл, мен сени төрөбөгөнүң үчүн күнөөлөгөнүм жок, мени да түшүн, артымда туяк калсын дедим, ата-энем менин балалуу болгонумду көрбөй кетти, арманым ушул, - деп жоошуй аялына боор ооруй карады, Зуура мындайда ого бетер бечара кейпин кийип калмайы бар эле.

- Сени сүйдүм, сен менин сүйүүмдү кабыл алмак турсун ойлоп да койгон жоксуң, мен сен үчүн бир күң катары гана көрүнөм бул үйдө.

- Кайдагы сүйүүнү айтасың, биз ал кезде сүйүү-мүйүүсү жок эле ата-энебиздин сөзү менен үйлөнбөдүк беле, кой, сөздү көбөйтпөй өз ишиңди кыл, - деп Ызак жол тарапка басып кетти.

Зуура ичтен жини келип, канча айтып жатса дагы капарына алып койбогон эрине кекенип алды. Убакыттын өткөнү билинбей жашоо улана берди, Ызак аялынын кысымынан улам, Артурдун Өскөнбайга болгон көз карашынын бузугунан ичтен сызып жүргөндө Өскөнбай окуусун бүтүп келди, ошол өзү окуган мектепке мугалим болуп иштей баштады. Бир күнү Ызактын жүрөгү тез-тез кармачу болду, аңгыча Өскөнбайдын дипломун жууп тууган-уругу, кайын-журту келип үй толтура эл болуп иштерине ийгилик каалап, андан кийин Өскөнбайдын классташтары келип куттуктап жатышты. Артур окуусун бүткөндө мындай шаан-шөкөт болгон эмес, ал тургай Ызак өзү куттуктап койгон эмес. Бул күнү жумушуна шылтоолоп Артур келген жок, Ызак ичинен жини келди, конокторун узатып алгандан кийин эртең менен эшикке чыкса ал да сыртта жүрүптүр.

- Качан келдиң жумуштан? - деди Ызак сын көз менен карап.

- Таңга маал келдим.

- Ошончолук зарыл ишпи?

- Чарбанын иши да.

- Токтотуп койсо болбойт беле?

- Өкмөттүн ишин кантип токтотом, ата?

- Ата дебе, сен бөлөктүгүңдү билдирдиң.

- Андай оюм жок.

- Болбосо жарым күнгө кудай алабы ошол ишиңди? - Каардуу карады. - Жетимдигиңди карап өз балама берген билимге ээ кылдым, ээсин сыйласаң итине сөөк сал дегендей апаң экөөбүздү сыйлап койбойсуңбу?

- Кечир ата, колум бошобой калды, кеч эмес ко, өзүм куттуктап коем.

- Эми кереги жок, сенсиз эле бүттү! - деп бурула бергенде үйдөн чыга калган Зуура:

- Окутканыңды милдет кылсаң төлөп берет, - деди алкына.

- Сен жөн болчу, өзүмчө сүйлөшүп жатам.

- Сүйлөшүп деп коет, баятан бери кекетип-мокотуп жатпайсыңбы, мени укпай калды дейсиңби?

- Жетишет, жыландай сойлоп ушул баланы мага карама-каршы кылган сенсиң, болбосо балалык дили кара болуп төрөлгөн адамды мен көргөн эмесмин, - деди да кирип кетти.

Артурдун көзүнчө Зуура унчукпай кала берди, көпкө кабак чытып турган Артур дагы басып кетти, ал эми Зуура ызаланып эшик алдындагы отургучка шалак деп отуруп калды: "Ээ жараткан, бир ымыркайдын айынан кор болдум го, жок дегенде эрим түшүнбөдү, не жазыгым бар кудайга, жок дегенде бир бала көрсөм арманым жок эле го", - деп жүрөгү сыздап турган жеринде теңселип тура берди.

Өскөнбай бирөөгө жамандыгы жок, өз ишинин көзүн билген илбериңки жигит болду, иштешкендерине дагы бул ак көңүл жигит жагып калды, аялы дагы мугалим, Азима башталгыч класстарды окутат, Өскөнбай жогорку класстарга сабак берет, экөө бирге кетип бирге келишет, үйүндө баары бар, ынтымактуу жашашат. Аларга кээде келген Зуура кыр көрсөтүп келинди бир сыйра каарып анан кетет, бүгүн дагы кечке маал келиптир, эми гана тамакка отурган уул-келини аны жакшы күтүп алды:

- Келиңиз, апа.

- Келдим, Өскөн кайда?

- Үйдө эле, кириңиз үйгө.

- Жок кирдим, дегеле тоготпойсуңар да, өзүңөрдү-өзүңөр билип калдыңарбы атаңар ооруп жүрөт, кабар алып койбойсуңар, бар балээнин баары сенде, ата-энесине каратпай койгуң келеби ыя?

- Апа, андай эмес, кол бошобойт, эрте кетебиз, кеч бошойбуз, иш ошондой болуп жатпайбы? - Азима кайненесинен иймене сүйлөдү.

- Тим эле Сталин болуп кетсеңер да, кол бошобойт деп, Ленин өткөн дүйнөдөн, силер эмне дүнүйөнү түптөп жатасыңарбы?

- Эмне болду, апа? - Өскөн чыга калды, ага кабак-кашын тырыштыра сүйүңкүрөбөй карады.

- Ийи, эмне болуш керек эле, же биз өлгөндө барасыңарбы, ушул жерде туруп барбайсыңар, катыныңды эле карап отура бербей үйгө барып атаңдын ал-абалынан кабар алсаң боло.

- Атама бүгүн эле жолуктум го, оорубай эле жакшынакай жүрөт.

- Оо-хо, атаң экөөңөр жашыруун жолугушуп калгансыңарбы? Мен билем анын ооруп жүргөнүн, уучтап дары ичип жанын уучтап зорго жүрөт, эгерде бирдеме болсо менден көрбөгүлө, тез-тез барып тургула.

- Болуптур, эртеңден нары барып турабыз, бүгүн ишим толтура, - Өскөнбай бурула кирип кетти.

- Жатыны бөлөктү жамаса болбойт, көтөнү бөлөктү көктөсө болбойт деген чын экен да, дегеле тоготуп койбойт, - Зуура булкуна келген жолу менен кетмек болуп бурулганда Азима:

- Апа, чай-пай ичсеңиз боло, - деди.

- Чайыңар башыңардан калсын! - деп короодон чыгып баратканда Өскөн кайра чыгып аялына:

- Эмне кыласың, бул аялдын сөзүнө кулак көнүп калган, атамдын амандыгы гана керек, ушуну көргүм келбейт, - деп келинчегин карысынан ала ичкери алып кирди.

- Кызыктай аял экен, башыңдан калсын дегени эмнеси?

- Сүйлөй бербейби, сөз кайрыбай эле кой, сүйлөп-сүйлөп калат да, - Келинчегин эркелете үйүнө кирген соң көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Азима дагы жакшы үйбүлөнүн, бардар адамдын кызы эле, бир туугандары бүт улуу, эң кенжеси, эрке өскөн кыз мындай сөздү укмак эмес, аргасыз көнүп келе жаткан эле.

- Эмнеге адамдар ушундай Өскөн, менин апам эч бир жанга жаман айтпайт, бирөөдөн бир кеп укса айта берсин деп коет, атамдын деле мурунку аялынан бир кызы бар, ага унчукпайт, келсе сыйлап өз баласындай көрөт, өзү да каттап турат, - деп Азима күйөөсүнө карай айтып жатты, - Артур акенин аялына да ушундай мамиле жасайт болду бекен?

- Төрөбөгөн аял ошондой болот экен да, болбосо атам кандай ага жаман айтпайт, төрөбөсө дагы өзүнүн жакын жээндерин атамдын арты менен үйлүү-жайлуу кылып жатат, кыскасы өзү билип өзү коюп көнгөн да, - Өскөнбай көкүрөктө өкүнүчү бардай шуу улутунуп алды, ал азыр көрбөгөн, эмчек сүтүн татпаган өз энесин эстеп кетти, анткени Ызак ага эс тартканда эле түшүндүрүп айтып сүрөтүн көрсөткөн болчу, ал сүрөт чоңойтулуп төркү бөлмөсүндө илинип турат. Өскөнбайдын ички өкүнүч арманын келинчеги түшүндү, кучактап алып көздөрүнөн өөп:

- Кайнатамдын баласы, көп ойлонбочу, бизди дагы ойлонуп кой, мен жалгыз эмесмин, - деди жаркылдай, - Жакында экөөбүзгө дагы бирөө кошулуп үчөө болобуз.

- Алтыным десе, адегенде уул болсо жакшы болот эле ээ?

- Ооба, мен дагы эркек болсо экен деп тилеп жатам, эмнеге, сен билесиңби, Өскөн?

- Жок, билбейт экенмин, негизи аялдар кызды самашат го?

- Анткени сен жалгызсың, сенин уулдарың кө-өп болсо сенин көңүлүң ток болот да, туурабы?

- Алтыным десе, менин камымды ойлогонуңдан сенин! - деп келинчегин кучактап алды, экөө бири-бирине кыналышып ысык сүйүү жалынына капталып, сүйүүдөн курулган чакан үйүндө ырахаттанып отурушту.

- Мен сага жолукканыма абдан бактылуумун.

- Мен дагы, сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын.

- Өскөн.

- Оов.

- Балабыз кимге окшош болушун каалайсың?

- Менби, мен, - Өскөн ойлоно келинчегин ээгинен ала өзүнө каратты, - Кыз болсо сага, уул болсо мага, кызым сага окшош болгонун каалайм, - деп Азима күлүп койду.

- Эмнеге?

- Анткени мен өзүм апама окшошмун, менин кызым дагы атасына окшош болсо жакшы да.

- Анда макул, кыз болсо мага, уул болсо сага окшош болсун, сүйлөштүк ээ?

Ызак ооруганын сездирбей ичтен күбүрөнгөнүн кээде өзү дагы билбей калат: "Жараткан, небере көрүп көөнүм тынып анан кетсем болот эле, жүрөгүм чыдай алаар бекен, ата-энем бечара менин балдарымды көрсөк дегенде көздөрү төрт болуп жүрүп өтүп кетти, эми мага да кезек келди белем, көптөн бери Саада түшүмө кирип жүрөт, байкушум сагынса керек, Өскөнүмдүн канат бутагы өсө берсе экен, өмүрү узун болсо экен, өз оокатына тың, көз карандысыз жашаса экен", - деп оор күрсүнүп огородунда басып жүрдү. Ошол убакта Өскөнбай менен Азима ээрчише келип калды:

- Ата, акыбалыңыз кандай? - деп басып келип учурашты.

- Келгиле балам, иштериңер кандай?

- Жакшы, өзүңүздүн денсоолугуңуз жакшыбы?

- Кабатыр болбогула балдарым, азырынча жакшы элемин, кана киргиле үйгө, - деп Ызак уул-келинин ичкериге баштап кирди.

- Ийи, келген экенсиңер го, атайын барып чакырмайынча келейин деген оюңар да жок, - деп Зуура аларды көрүп эле туураланып, кекетип кирди.

- Койсоңчу байбиче, балдар жаңы эле үйгө кирди го, шартына карашат да, андан көрө эмнең бар, балдарга алып кел, - деп Ызак Зуурага ачууланып турса да сыртынан билдирбеди.

- Келин деген келгенде өзү кыймылдайт, мен эми буларга казан-аяк калдыратып тамак ташыймбы? - Жактырбай терс бурулду.

- Тим эле коюңуз апа, мен өзүм эле, - деп Азима тура калып ашкананы көздөй жөнөдү.

- Ай-ай байбиче, бирде-экиде конокко келген балдарга да асылып турасың, деги кандай адамсың? - Ызактын жини келип кетти, - Рая кайда эле, алар үйдө жокпу?

- Үйдө эле, колу бош эмес, баласын карап жатат, Рая жасаган ишти Азима деле жасап коет.

- Ата, апам туура айтат, келин деген өз ордун билиши керек, Азима деле энеден тарбия алган, кай жерде кандай болууну өзү билет, - деп Өскөнбай күлүмүш этти, бирок ичинен кыжыры кайнап турду: "Атамды гана сыйлайм да, болбосо үйдөн кууп чыгып коет элем", - деп зыңгырай отуруп калганда Артур кирди.

- Оо кел Өскөн, иштер кандай? - Өскөнбай менен учурашып үстөлгө отурду, анан Ызакка кайрылды, - Сиздин денсоолугуңуз жакшыбы?

- Дурус, - деп койду Ызак, чынында Зууранын таалимин алгангабы Артурда ичи тардык өзгөчө эле, анткени Өскөнбайдын аялы жакшы жердин кызы болчу: "Эшегине жараша тушагы", - дегендей Артурдун аялы атасы бар, энеси жок, жардынын кызы, кызарган нерсе көрсө баса калып, айлыгы тийсе деле заматта жок кылып отуруп калат.

- Апа, Рая кайда кеткен? - Артур апасына кайрылды.

- Ботом жанараак эле жүргөн болчу, уктап калса керек, - деп Артурдан сестенген Зуура Раянын бөлмөсүнө жөнөдү.

- Ушундай убакытта уктайт бекен, үйгө менин иним менен келиним келсе чай-пай бергендин ордуна, - Артур ушинткенде Өскөнбай:

- Байке, эчтеке эмес, жеңем деле чарчайт да бала менен, - деп жайгара сүйлөдү, - Бул үй өзүбүздүкү эмеспи, Азима деле даярдайт, - дегенде: "Биздин үй", - деген сөзү мээсине кадала түштү: "Айтканы туура эмеспи, мен киммин буларга, жетимдиктин азабынан куткарып, минтип окутуп адам кылып койгону үчүн дагы карыздармын, а бул үйдө менин тиешем дагы жок, кааласа чыгарып жиберишет, баардыгы Өскөнбайдыкы эмеспи, бул чындык", - деп ойлоно кетти. Ал Өскөнбайга күнүлүк кылчу, колунан келсе Өскөнбайды жок кылып баардыгын өзүнө каратып алгысы келчү. Бирок Ызактын баласы деген күбөлүгү барын ойлоп: "Ооба, мен жетиммин, каралашаар эч кимим жок, таежемдин күчү менен гана жолго түшүп жатса колуман эмне келмек эле", - деп шалдая отурганда Рая чыгып келди, ал келгенде Азима тамакты көтөрүп келди:

- Келгиле бала, - деп кайнатасынан айбыга Өскөнбайды бир карап коюп өз иши менен алек болуп колдорун жуудуруп анан өз күйөөсүнө суу куйду.

- Сен конок келгенде үйгө отуруп албай чыкпайсыңбы, Өскөн менен Азима келгенде мындан ары минтпей жүр, - деп Артур аялына кабак чытый айтканда Өскөнбай аны карады.

- Байке, жеңемди анчалык тилдей бербеңиз, биз өз кишибиз да.

- Ошентсе да, - Артур ошенткени менен Ызакты көз кыйыгынан карап алып: "Бизди сенчелик көрмөк кайда, тагдырыма өз эмес бөтөн адамдын тузун татууну жазып койсо айла канча", - деп ичтен сыза унчукпай калды. Зуура Артур отурган жерде ашыкча сүйлөөчү эмес, анткени Артур ага катуу айтып койчу, бир жолу Өскөнбай жөнүндө айтып калганда: "Апа, сен андай дегениңди коюп жүр, канткен менен өз деген өз. Төрөбөгөндөн кийин бир баласына анчалык асылба, мына сен экөөбүздү көр, мен ата-энесиз калып сиздердин тузуңуздарды татып өстүм, а сиз Ызак жездемдин баласына көз карандысыз, тагдыр мунун баарына күбө" деген эле. Бирок байлык, там-таш, короо жайды ойлогондо биротоло ээлеп калгысы келчү, кантсе дагы аты-жөнү бир Ызакович Айдаралиев болуп турбайбы?

Өскөнбайлар тамактанып алып анан коштошуп кетишти, алардын машинасы бар, Артур өкмөттүн жумуш машинасы менен жүрөт. Зуура өзү тынчы кетип Өскөнбайдын аялы эркек төрөсө байлыктын баарына ээлик кылат деп жаны жай албайт, Артурдун эки уулу болгону менен Ызак аларды жөн гана бала катары жакшы көрүп, сүймөнчүк катары колунан келгенинче эркелетип койчу. Улуу Добул беш-алты жашка чыгып чоң аталап калган. Эртели-кеч жанынан чыкпайт.

- Чой ата, сен мени менен ойнойсуңбу?

- Жо-ок, мен ойной албайм да.

- Ий-иий, мен ким менен ойнойм анда?

- Кабыл менен ойнойсуң.

- Ал ойной албайт да.

- Чоңойгондо ойнойт.

- А сен дагы чоңойгончо ойнойсуңбу?

- Мен картайып калбадымбы.

- Картайган деген эмне?

- Адамдар төрөлөт, картаят…

- Мен картайбайм.

- Мейли ойноп жүрө бер ээ?

- Ооба да, анда мен эшикке чыгып досторума барайынчы.

- Бара гой уулум.

- Апам урушса сен болушасыңбы?

- Апаң урушпайт.

- Ыкы, апам мени досторума жибербейт эшикке чыкпа деген.

- Эмнеге?

- Кир болосуң, балдардан келтек жейсиң дейт да.

- Мен айтып коем, ойной бер, - деп Ызак жылмайганда Добул торсулдаган бойдон эшикке жүгүрүп чыгып кетти, - Аа-а айланайын жаштык аа-а, көңүлүндө кири жок, оюндан башканы ойлобогон наристе сезим, - деп оор күрсүнүп алды: "Өскөнүмдүн баласын ушинтип жаныма ээрчитип балдыр тилин угаар бекенмин, кудай пендем десең тилегимди бере гөр", - деп ойлонуп отурганда Рая ашканадан чыга келип:

- Ата, Добулду көрбөдүңүзбү? - деп сурап калды.

- Ойноп жүрөт.

- Кайда?

- Сыртка чыкты, балам.

- Ай ушу жаш-шабагырдын азабы өттү! - деп сыртты көздөй жөнөгөндө Ызак аны токтотту.

- Ай балам ай, баланы үйгө камап эмне кыласың, бала деген балдар менен ойноп өскөнү жакшы, тим кой!

- Ата, бир аздан кийин топуракка оонап келет да.

- Мейли, биз дагы ошентип чоңойгонбуз, эне жууйт, тазалайт, балалыктын таза дүйнөсүнө баланы тим кой! - дегенде Рая босогодон артына кайтты, кайра сөз кайрый албады, жуугандан тажаганына уяла түштү. Аста басып ашканага кирип кетти.

Зуура бир жакка кеткен, ал Байтурга барып:

- Байтур, сен малдын төлүнөн өзүңдүн эсебиңе калтырып мал күт, ичкен жегениңе кубанып жүрө берсең сени ким ойлойт, балдарың чоңоюп калды, Мыскал үйгө барып жумуш жасасын, силер өзүңөрчө болбой үйгө барып тургула, заман кандай болуп кетет, - деди азандан тургузуп.

- Эже, мен андайды жаман көрөм, жездем деле балдарга бир торпок, бир кой берген, ошолор буйрусун.

- Ой башы жок, менин эсебиме быйыл он козуну калтырып кой, Ызак мал менен иши жок, Өскөнбай атасынан бетер эчтеке менен иши жок, кокус жездең бирдеме болуп кетсе Өскөнбай силерге эчтеке карматпайт, жок дегенде малдан сатып үй сатып алганга тырыш, - деп кайра жөнөдү. Ал келгенде Ызак сыртта басып жүргөн, заңгыраган үйүнүн короосу кенен, огородунда толгон алма өрүк, эшигинин алды зыңгырап бетондолуп, гүлгө толгон, туурасында узунунан беш-алты бөлмө времянка, аларга уланып бастырма, чоң кемегелер орнотулган: "Ушулардын баары Өскөнүм үчүн, Артурду бул үйдөн кетириш керек, үй сатып берейин дагы көзүмдүн тирүүсүндө баарына ачык айтып, үй-жайды, малды Өскөнгө өткөрүп беришим керек", - деп ойлонуп жүрдү.

- Эшикте эмне кылып жүрөсүң? - Зуура короого кирип эле суроо узатты.

- Таза абадан кере жутуп, эс алгым келди.

- Азыр боз огороддо суукка урунуп калба, өзүң ооруп жүрөсүң, - Зуура өтө күйүмдүү аялдай камкор боло сүйлөдү.

- Кудай сактасын, таза аба, жакшы сөз адамды жашартат, оорудан сакайтат, - деди Ызак ойлуу, - Жан кейиткен жаман сөз соо адамды оорутат эмеспи…

- Табышмактатпай үйгө кир, ушунча жашка чыктык, кырк жылдан ашык жашап калдык, мен алтымыштан аштым, сен жетимишке кирдиң, эми эмнебиз калды чал, балдар аман болсун, - деп кайсактаган Зуура үйгө кирмек болду, - Суук болуп турат, - деп кошумчалап койду. Ызак унчуккан жок Зууранын артынан акырын басып үйгө кирди, - Рая, сен балаңды карай бер балам, Мыскал келип тамак-ашты жасап, үй-жайды жыйыштырат.

- Эмнеге, анын да балдары бар, колу тийбейт, - Ызак Зуураны ормое карады, - Өзүң эстүү аялсың, аларды кыйнаба, Байтурдун иши көп. Баса, быйылкы төлдөн өзүнө бир-эки козу ал дедим эле.

- Ким билет, ал ак жүрөк байкуш, малды көзүнүн карегиндей багып жатат, - деп Зуура аны мактап койду, - Ботом, жүздөй койдон эки козу бергениң калыстык болбойт го, койчуларга бербей, селсоветке аз санын жаздырып коюп жашырып багып келе жатат, уйчуларың деле торпокторун өлдү деп эле катып жатат да?

- Эми мен Байтурга ишенип келе жатам го, үйдү болсо бердим, башка жакка барам деп ойлобосун, бүгүн баарын чогултуп кой союп чогуу тамактаналы, келиндерге айтчы.

- Мейли, - деп купшуңдай ордунан туруп ашканага кирди, Рая ашканада болчу, аңгыча Мыскал келип калды, Ызак аны кайра Байтурга жөнөттү:

- Балам, Байтур семиз кой алып келсин, балдарды ала келип тамак ичкиле, бүгүн бир чогуу отуралы.

- Макул жезде, - Мыскал иймене үйдөн чыкты, Ызак досу менен катышып жүргөндүктөн Мыскал аны сыйлачу, бирок ата-энесинин колунда жогу аны көп учурда басынтчу, күйөөсү бардар болбосо да мал менен болгонго жайы-кышы эт, май-сүттөн кем боло элек, ата-энесине барганда дагы көтөрүнүп барат, кыскасы өзү билип өзү коет. Байтур бир семиз койду жетелеп келип өзү союп, эки келин ичеги-карынын жууп, түшкө жетпей этти казанга салып, үйдө балдар топурап ойноп жатты. Артур ошол күнү негедир эрте келди, Байтурдун улуу баласын жиберип Өскөнбайларды чакырып келди, залга дасторконду кенен жайып, эт бышып колго суу куюлуп шорпо алып келишти. Азима абысындары менен жакшы эле болчу, бирок Рая Артурдун сөзүнөн улам бир аз кыйгачтап кала турган. Эт желип ашыкча сөздөр Ызактан ийменип эч кимисинен чыкпай табак менен кашыктын шыңгырынан башка үн чыккан жок, анда-мында балдардын сүйлөгөнү, ыйлаганы болбосо тынч. Дасторконго бата кыла электе Ызак тамагын кыра маанилүү сөз баштамак болуп барып кыдырата карады.

- Балдар, Зуура, менин силерге айтаар сөзүм бар, - дегенде Артур менен Зуура бири-бирин карап калышты, - Силерге айтаарым, мен картайдым, оорунун да байырлап калганын сездим…

- Ата, врачтарга көрүнүшүң керек, - деп жиберди Өскөнбай.

- Жок балам, мен жашаарымды жашадым, совхоз-колхозго иштебедим, ата-энемден калган малды жоготпой өстүрдүм, бектердей эле жашоо өткөрдүм, эми мына бул короо жайды, беш жылкы, токсон кой эчки менен жети уйду сага өткөрүп беришим керек, - дегенде Зуура чыдабай кетти.

- Ызак, Артурду энчиден куру калтырба, бул үйдү Өскөнгө бергенде Артур балдары менен кайда барат? - деп жиберди.

- Шашпа, байбиче, - Ызак колун көтөрө аны токтотту, - Артур каалаган үйдү издесин, баасына карабай алып берейин, кандай дейсиң, балам? - Ызак Артурду карады.

- Сиз айткандай болсун, мен сизге ансыз да ыраазымын.

- Аб-баракелде, уулум, эртеңден баштап үй издей бер, - Өскөнбайга кайрылды, - Сен мендей болуп малды сактай албайсың уулум, жылда бир бука, бир торпок этке төгөмүн, сен малдан саткын да керектүүсүн коюп кой, эртең мен селсоветке барып бүт сенин наамыңа өткөрүп коеюн, Артурга беш кой, беш эчки, бир торпок берем, кааласа бөлүп алсын, - деди. Эч кимиси унчуккан жок, Артур ичинен: "Демек мен ойлогондой болду, бул үйдү мага бермек эмес, мейли бир жакшы үй издейин, ушул айылда жакшы сатыла турган үй бар болду бекен", - деп ойлонуп калды. Дасторконго бата кылгандан кийин Өскөнбайлар өз үйүнө кетишти, Байтур да кетти, Мыскал идиш-аягын жыйнаганга кала берди. Байтур менен Артурдун бир тууган экенин Зуура айткысы келчү эмес, Рая эчтеке билбейт, ошондуктан аларды малчысы катары билчү, ошондуктан ал идиш-аякты жыйнашпай жатып алды, негедир Байтур да бир тууганым деп айткандан Зуурадан тартынып ооз ачпаган. Экөө тең ичтеринен гана сызчу, бирок бири-бирине боор тартып тымызын колдогону белгилүү, аларды Зуура жолуктурбаганга аракет кылып Артурдун көзүн карап турат.

Ошондон он күн өткөндө Азима кыз төрөдү, Ызак келининин төрөгөнүнө кубанды, бирок өкүнө түштү: "Уул болбой калды ээ, мейли кыз болсо дагы неберелүү болгонума шүгүр", - деп ойлонуп алды. Жети күндөн кийин үйүнө чыгарып келип туугандарын чакырып союш союп жээнтек берип бака-шака түшүп отурганда Ызакка мындайыраак ини болуп кетчү Төлөбай:

- Байке, эми небереңизге бир ат коюп койбойлубу? - деди.

- Туура, чоң атасы койсун, - дешип калышты, - Төрөт үйүнөн атын койдуңар беле? - Өскөнбай менен Азимага карашты, ошондо Азиманын атасы Беккул:

- Чоң атасы койсун, биз Азимага азырынча атын жаздырба дегенбиз, - деди кудасына сый көрсөткөнүн билгизе.

- Төрөтканадан койсо эмне экен, күбөлүккө башка ат жаздырып кое берсе болот да, - деди Артур, - Атам өзү койсун.

- Эмесе, - Ызак тамагын кыра отургандарды карады, - Ушул күн, ушул убакыттын өзү канчалык мен үчүн кымбат экенин силерге кантип жеткире алаар экенмин, - дегенде Азима кызын алып келип кайнатасына берди, ал ымыркайды колуна алып эки бетинен шор-шор жыттап алды да, - Мен бул неберемдин атын Саада койдум! - дегенде баары унчукпай калышты, анткени Сааданы эч кимиси билчү эмес, бир гана Зуура тыбырчылай түштү.

- Жаштардын баласына жаңыча ат койсоң боло, уул-келиниңе жагат бекен?

- Жагат, - деди Өскөнбай, ал апасынын аты экенин билчү, Азима үндөгөн жок, - Атам койгон ат бизге жагат, тун небересинин атын өзү койгонуна мен өтө кубанычтамын.

- Азамат, атанын баласы экенсиң, атанын сөзү акылдуу бала үчүн бузулгус дубал, аскар тоо, унутулгус мыйзам.

- Айланайын десе, ат сыйлаган жөө калбайт, эр сыйлаган эшикте калбайт, - деген сөз бар, ата-эне бала үчүн табылгыз кенч.

- Өмүрүң узун болсун, Сааданын өмүрү узун болуп, келечеги кең, таалайлуу бактылуу кыздардан болуп ата-эненин сыймыгы болсун, артынан уул-кыз ээрчитип келип үйүңдө баланын үнү жаңырып турсун! - деди Беккул.

- Айтканыңыздар келсин, атамдын денсоолугу чың болуп, неберелерин жетелеп ылайым аман жүрсүн, - деп Өскөнбай атасына мулуңдай карады.

- Мен көрдүм балам, сенин келечегиң кең болуп бала деген багыңа конгон кушуңдай сайрап Азима балам экөөңөрдүн кубанычыңар кемибесин, турмушта өксүбөй өмүр сүргүлө! - деди Ызак. Ушул учурда Артурдун ызасы да келе түштү: "Мен ата-эненин жакшы сөзүн эмес өңү-түсүн билбейм, аттиң ата-эне деген кандай гана кулакка жакшы угулат, жок дегенде сүрөтү бар болсочу", - деп өксүп алды ичинен. Бул бир миң тогуз жүз сексен үчүнчү жылдын декабрь айынын жыйырма беши эле, андан ары келээрки жаңы жыл жөнүндө сөз болуп бул жаш үйбүлөгө жаңы жылдай улам жаңы жетишкендиктерге жетишүүсүн каалап ак баталарын берип тарашты. Эл кеткенден кийин Азима күйөөсүнө:

- Өскөн, атам сенин апаңдын атын коюп койду го? - деди.

- Атам апамды катуу сүйгөн экен, экөө жашыруун үйлөнүп никеге туруп алышкан тура, мени төрөгөндө апам байкуш өлүп калыптыр, көрсө кыргызча кара баскан тура, - Өскөнбай ойлуу ымыркайга карады, - Карачы Ази, кызым сен каалагандай эле өзүмө опокшош болот, апам дагы аябай сулуу болуптур да, - деди наристени эңкейе берип чекесинен өөп, - Кызымдын өмүрү узун болуп чоң энесинин арбагы колдоп-жөлөп жүрсүн.

- Ылайым эле өмүрү узун болсо экен.

- Кудайым боор ооруп коеор жаным, келечек бактысын тилейм, - Эки жаш ымыркайын тегеректеп көздөрүн, каштарын, ал тургай колдорун, салааларын бири-бирине окшоштуруп, талашып бакыттын туу чокусунда дүйнөдөгү эң бир ажайып кооздуктун чексиздигинде калкып отурушту. Ошол убакта Ызак өз бөлмөсүндө жүрөгү кармап дарысынан ичип диванда жатканда Зуура аны менен иши жок Өскөнбайга кандай кылып баардык байлыкты карматкысы келбей ойлонуп тамак ичилчү бөлмөдө отурду: "Небересине кайдагы бир сойку катындын атын койгонун кара, мен сенин балаңа оңой менен бере койбосумду билбейсиң как баш, менин дагы мээнетим, көз акым, үлүшүм болушу керек, сен мени оюңа дагы албадың", - деп жинденип жатты. Ызак анын арам оюн сезген жок, күн алыс уулунукуна барып наристесин көрүп кайра келет, күн өткөн сайын Саада көзгө көрүнүп, адегенде күлүшүп, анан кыял-жоругу чыгып эбедейди эзген бала кыялына ата-эненин кумары канбай кайра-кайра күлдүрүп кайра-кайра колдорун сереңдеткен сайын кубанычка батып бактылуу жубайлар эч нерседен капарсыз. Ызак келген сайын колуна алып көңүлү көтөрүлө түшүп, оорусун унутуп өткөн жашоонун калтырган өкүнүчтүү издери бир мүнөттүк наристенин ырахатына бөлөнүп кайтат. Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти, Саада тыпылдап басып, бал тилдүү кыз болгон. Сааданы жетелеп алып Ызак ары-бери басып күндө эрмек кылат.

- Чо-ата, - дейт Саада башын өйдө көтөрүп Ызакты карап, - Бутум оойуп тетти.

- Каралдым десе, сенин бутуңдан айланайын, - Шарт алып көтөрмөк болот, зырп эткен белинин оорусуна да карабайт, - Сени көтөрүп алат да чоң атаң, - Күлүңдөй жүзүнөн өөп алат, - Эми оорубай калдыбы?

- Ийи, оойубай калды, ата.

- Айланайын жыттоочум десе.

- Чо-ата.

- Оов, кызым.

- Сен мени чакчы көйөчүңбү?

- Ооба садагам.

- Ии-ий да, атам да, апам да чакчы көйөт да, - Саада башын кыймылдата мактангандай тилин "чык" эттирип койду.

- Ырас элеби, кызым?

- Ооба да.

- Эрке кызым, ата-энеңдин кубанычы болуп жүрө бер кагылайын, - деп Ызак небересинин чулдур тилине ыраазы боло күйүгө үйүнө жеткиче Саада уктап калат, аны көтөрүп келген кайнатасынын колунан Азима ала койду:

- Уктап калган го, ата.

- Ооба балам, чарчады окшойт басып жүрүп.

- Көтөрүп кыйналдыңыз го?

- Кой балам, күнү-түнү көтөрсөм да кыйналбай калайын, ушул күндү тиледим эле, кудай жеткирди, эми арманым жок, - деп кетмек болду.

- Ата, чай ичиңиз.

- Жок балам, Артур көчүп жатат, үй алып бердим, бул үйдү бекитип коюп чоң үйгө көчкүлө, Өскөндү айт, менин кашымда болгула, - деди Ызак ойлуу.

Ал өзүнөн чоочулап жүргөн, анткени өткөндө түшүнө ата-энеси экөө тең кирип жатыптыр: "Балам, сени күтө берип кыйналып кеттик, жамандыкты сен өзүңдүн жаныңда жүргөн адамдардан күтпөйсүң, сен биякка баса берчи, бул дүйнөдө баары тегиз, дүйнө-мүлк, байлык менен ишибиз жок, ач көздүк тирүүлүктүн баркын билгизбей адамдардын жүрөгүн картайтып койгон, бул жакка келсе кана дили тазаланат", - деп жатыптыр. Кийинки күнү Саада кирип: "Мен сени күтүп жатпайынбы, качан келесиң, же унутуп калдыңбы", - деп жатыптыр: "Жо-ок, сени кантип унутам, сен жүрөгүмдүн төрүндө түбөлүк жашайсың, неберебиздин атын Саада койбодумбу". Аны билем, "баары бир сен мага керексиң, балдар бизди унутушпайт". "Ырас айтасың, мен деле сени сагындым Саада", "Тезирээк кел Ызак", - дегенде чоочуп ойгонуп кетти, туруп сыртка чыкты: "Өскөндү бул үйгө жайгаштырып коеюн анан ушул үйдөн сөөгүм чыгып, уулум башымда ыйлап, ууч топурак буйруса болду, - деп ойлонуп андан кийин уйкусу качып жаткысы келбей сыртта таң агаргыча басып жүрдү. Демейде айыл ичиндеги карыянын ошол жашка жеткенче канча тагдырды башынан өткөргөнүн, не деген кызыктуу же армандуу өмүр сүрүп келгенин биз байкабайбыз. Ал ошол бойдон өтүп келе жаткан сыяктуу гана "карыя, же чал", - деп коебуз, Ызактын да өмүрү ошол сыяктуу бир айылда өтүп бараткан эле… Бирок пендебиз да, Өскөнбай баргысы келчү эмес. Өскөнбай келгенде Азима кайнатасынын айтканын айтты эле ал:

- Жарыктык десе, ал үйгө барганда эмне, тура берсин, Артур байке кетсе кеткендир, биздики да акыры.

- Атамды капа кылып албайсыңбы?

- Эмнеге капа болмок эле.

- Апам чатак чыгарып каттоодон өтпөй калыптыр, кайрадан макулдашып келгиле, мындай чыр нерсени өзүңөр бүтүргүлө деп коюптур, балким апам чоң үйдү Артур байкеге алып бергиси келип жаткандыр.

- Жөн эле берип кое бербейби, менин талашкым да келбейт, дүнүйө мүлк деген мына биз, денсоолук таза, балдарың аман, ишиң оңунда болсо ошол эмеспи жаным, - деп кийимин алмаштырмак болгондо сырттан Байтурдун баласы кирди:

- Өскөн байке, сизди чакырып жатат, жеңемди да келсин дейт.

- Эмнеге?

- Ызак атам катуу ооруп жатыптыр.

- Жанараак эле жакшынакай эмес беле? - Азима таңгала сурады.

- Кары киши эмеспи, бол кеттик, - Өскөнбай шашып калды, бирок алар келгенче Ызак үзүлүп кеткен эле, анткени Ызак келгенде Зуура адатынча аны менен уруша баштады:

- Кудай гана көрсөтсүн, калыстыгың жок, мен бул үйдө балапан кезимде келип, ээгимде эки тишим калбай түшкүчө жашадым, туубасам да тутунуп Артурду бактым, Өскөндө да эмгегим жок эмес, мен сага тынчтык бербейм, качан калыс бөлсөң, анан менден кутуласың.

- Зуура, мен өмүр бою бала деп жүрүп Өскөндү көрдүм, жаман жашаган жоксуң, кийем дегениңди кийдиң, ичем дегениңди ичтиң, менден эмне зыян тарттың, кудай сүйүп берген балама өз мүлкүмдү бергенге тардык кылба, мен тең эле кылдым, Артурду бактым, чоңойттум, окуттум адам болду, менде арманы жоктур, сен өзүң эле тейтеңдей бербесең, - Ызак ага катуу айткысы келбей бөлмөсүнө кирди, артынан кирди Зуура, анын башынан ошондой адаты бар эле:

- Окуттум деп, мектепти жакшы бүткөн, өзү деле окуп алмак.

- Ошондо дагы каралаштым, кийим-кече, ичкен-жегени желден келип жаттыбы, менин эсебимден беш жыл окуду да.

- Майдачыл акмаксың да.

- Бул дүйнөдө баары эсептелүү болуш керек, мына өзүнчө үй алып бердим, тиги-булардан угуп жатам, колунан келе баштаганда туугандары чыгып катыша баштаптыр, ошолору качан кайрылып койду эле? - деп Ызак ичиндегини ачык айтып койду.

- Сен эмне деп жатасың, Артур тууганын таап алыптырбы? - Зуура эси оой Ызакты карап калды, жадагалса Байтурдан кызганып жүргөн баласынан мындайды күтпөгөн эле, - Ушул айтканың чындыкпы?

- Мен сага далилдеп бергим келбейт, эл деген көрөгөч, шамал болмоюнча чөптүн башы кыймылдабайт, - Ызак ары басты, бурчта турчу дарыларын карап жатты ал, жүрөгү ээленип эми мына кекиртегинен чыгып кетчүдөй согуп жатты, өзүн-өзү кармап: "Азыр табам, токтой турчу курган жүрөк, кайда шашып барасың, күнүм бүтүп баратабы, жан чыгаарда жан күйөөрүм жанымда болсун дегендей уулумдун көз алдында өлсөм экен, ошого айтаарымды айтып өлсөм арман жок", - деп эми жүрөк оорусунун дарысын таап колдору калчылдай оозун ача албай жатканда Зуура анын колунан дароо жулуп алды.

- Ушул жаныңды алып калып жатса көрөйүнчү, - деп кыжырлуу ары жылганда калтыраган Ызак аны көздөй басты:

- Зуура, жинди болбо, бөөдө өлтүрбө мени.

- Өлбөйсүң, дарысыз эс алып көр, ушул дарыга сенин жаның байланып калды дейсиңби? - Өчөшкөнсүп эшикти ачып сырткы коридорго чыгып кетти.

- Зуура! - деп бир кыйкырган Ызак күп этип жыгылып түштү, Зуура ага өчү бардай укмаксан болуп басып кетип калды, бир аздан кийин: "Эс алып калды окшойт", - деп кирип келсе көмкөрөсүнөн кыймылсыз жатканын көрүп чоочуп кетти, ал өлөт деп оюна албаса керек.

- Ызак, айланайын Ызак, көзүндү аччы! - деп өйдө кылып башын көтөрдү эле ошондо гана "кыр" эткен көмөкөйүнөн дабыш чыгып шылк эте түштү, анын жаны ошондо чыккан эле, - Оо курган башым, эми эмне кылам, Ыза-ак, өмүр шеригиң элем го, мени кимге таштап кеттиң?! - деп көз жашын куюлта эптеп сүйрөп диванга чыгарып жаткырып, буту-колун түздөп койду да сыртка чыкты, шашылып Байтурларга жетти, эшикте кыштын кычыраган маалы эле, Байтур айыл коңшулар угушсун деп үнүн бийик кылып өкүрүп жиберди, аңгыча коңшу-колоңдор жыйылып келип жатты, Өскөнбай келгенде эл толуп калган, боз үй тиккенге жүгүрүп жүрүшкөн, ал дароо эле бакырып ичкери кирди:

- Ата, атама эмне болду, жакшынакай жүрбөдү беле? - деп Зуурага ачуулана кайрылды.

- Ботом, мен эмне кылдым, бөлмөсүндө жаткан, чай ич деп кирсем эле жерде жатып калыптыр, - деп Зуура Өскөнбайдан сестене артка кетенчиктеди.

- Карап койбойт белең, атайлап карабай койгонсуңар да, - Өскөнбай Ызактын жанына келип үстүнө жапкан шейшепти ачып уктап жаткандай сезди, - Ата, атаке көзүңдү аччы, мен келдим ата, - деп колдорун кармап алып таштай муздагынан селт этип алды, аңгыча Беккул кирди:

- Өскөн, кайрат кыл балам, байкемдин тиги дүйнөсүн берсин, өлүк камын көрүү керек, эл көзүнө көрүнгүдөй кылып узаталы.

- Байке! - Өскөнбай Беккулду кучактап ыйлап ийди.

- Кайрат кыл иним, адам ушул экен, жаралабыз бул дүйнөнүн кызыгын көрүү үчүн, өтөбүз баарына кол шилтеп, тойдум тирүүлүктүн машакатына деп, улуулар өтүп, жаштар өсөт, дүйнө ошентип жаңыланып турат, - деди далыга таптай.

- Көзүм көрүп бир ооз сөзүн укпай калдым, кашында болгонумда болот эле, билбей калдым, - деп Өскөнбай өкүнүп атасынын бетиндеги шейшепти кайра жаап Беккул менен сыртка чыкты. Арыдан бери үй тигилип өлүктү үйгө алып чыгышты, кычыраган кышта өлүк коюнун ырасмы болуп, ызаат сыйын жасап жатты. Молдо сөөктү сыртка алып чыгып жаназа окуу алдында:

- Маркумдун эң жакын адамы алдыга чыксын, - дегенде Өскөнбай менен Артур экөө тең чыкты, - Бириңер, улуусу, жоопкерчиликти мойнуңа ала турганы керек.

- Мен алам, - деди Артур тайманбай.

Беккул чыдабай кетти:

- Артур, өз канынан жаралган баласы турсун! - деди.

- Мен өзүм турам, - деди Өскөнбай.

- Никесиз төрөлгөн бала боло береби? - деп Артур көз көрүнө өчөштүккө өттү, - Өскөнбай никесиз төрөлгөн.

- Ким экен никесиз, итче атамдын жугундусуна тоюп чоңоюп, адам болуп алгандан кийин ушул экен да кылаарың! - деген Өскөнбай ызалана молдого кайрылды. - Ооба, бул менин агам, буга менин атамдын аздыр-көптүр байлыгы керек, ата теги ушул эле айылдан, эч кимиси жетим экенинде карап койбогондо атам бооруна батырып алган экен, Ызактын көзгө басаар жалгыз баласы мен!

- Болуптур, - Молдо ары басып бирөөнө сүйлөшүп калды, ал никелүү же никесиз төрөлгөнүн аныктагысы келди, ошондо элдин ичинен Ызак менен теңтуш болуп катышып жүргөн Мыскалдын атасы Төрөбек:

- Мен күбөмүн! - деди элдин алдына чыгып, - Ызак менен бала кезибизден теңтуш элек, Саада менен үйлөнгөндө күбө болгомун!

- Ыраспы? - деди Молдо.

- Калпты мындай жерде айтууга болобу?

- Жок, анда кел балам, убакытты өткөрбөйлү, Айдаралы уулу Ызактын аласа бересесин тактайлы, эгерде бересеси болсо уулу Өскөнбайдан аласыңар! - деп Өскөнбайды алдына коюп элге каратты, - Кайталап айт.

- Атамдын бересеси болсо ачык айтыңыздар, мен төлөйм, карызы барбы?

- Жок.

- Жок.

- Жок эле, эч кимден карыз албаган адам эле.

- Эмесе, - Молдо кайрадан сүйлөдү, - Бересеси болсо…

- Атама бересеси болсо кечтим! - деди Өскөнбай баш көтөрө элди карай, ошондо ал өзүн жек көрө карап турган Артурду көрдү, негедир анын көзүндө өч алуу тургандай сезди: "Адамдын котур ташы ичинде катылганын билүү кыйын экен да, атам барда башкача эле", - деп ойлоп алды. Атама бересеси болсо кечтим, аласасы болсо мен берем! - деди эле молдо аны далыга таптай бирдеме деди эле бурулуп элдин алды жагына туруп калды. Жаназа окулуп Ызактын табытын мүрзөнү көздөй көтөрүп жөнөштү. Артур үнсүз аргасыз алдыңкы жагын кармап Өскөнбайдын катарында баратты.

Ошентип Ызакты да жайына беришти, үчүлүк, жетилигин өткөргөн соң Өскөнбай чоң үйгө көчүп келди, үй-мүлктөн эч нерсе алууга үлгүргөн эмес, Зууранын катып бергени, көрүнөө бергенин гана алган, ошондуктан Зуура менен Артур ичи күйүп жаткан. Үй ичинде чынында баалуу буюмдар бар эле, килем паластар, диван креслолор, сервант-шифоньерлер менен күзгүлөрү ар бир бөлмөсүндө толтура эле. Өскөнбай көчүп келгенде Зуура үн деген жок, анткени каралуу болуп боз үйдө болчу, өзүнүн жеңеси менен сиңдилери, Беккул менен Төлөбайлар аялдары менен кете элек. Алар туугандыкы ушундайда гана деп ойлошуп Ызактын жакшылыгын эскеришип аяк-биягына жардам берип Өскөнбайга бел болууда. Артур койгондо эле кеткен, ошол бойдон аялы да келбеди. Зуура Артурга нааразы болуп жатты ичинен, ал эми Артур Зуурага нааразы, ал кичинесинен эле: "Өскөнбай никесиз төрөлгөн, нокетек баланы сенин катарыңа кошпоймун, Ызак өлгөндө да ал жанына жолой албайт", - дегенин көп айтып кулагына сиңип калган эле. Дал ошол күнү дагы: "Жаназасына никесиз баланы тургузбайт, сен бар", - деген Зуура болчу, эл алдында отуздан ашкан бакандай мал доктуру болуп туруп уят болгонуна ызалуу эле. Өскөнбай ага жини келип жатты, эки-үч досу көчүрүшүп келип Өскөнбайдын жанында жүрдү, ал тургай аялдары Азимага жардам берип жүрөт. Зуура ага ого бетер ичтен тынып: "Атаңдын артынан гүлүстөн кетирбесем элеби, бул дүнүйө мени менен гана Артурга таандык", - деп ойлонуп жатты.

Келген-кеткен болуп кыркына чейин эл үзүлгөн жок, Өскөнбай өкүрүп боз үй четинде, отуруп алып күндө келген элге куран окуп атасы жөнүндөгү жакшы сөздөрдү угуп, өзү дагы жакшы мүнөзүн, өзүнө жасаган мамилесин айтуудан тажабайт. Өскөнбайга эл ыраазы болуп жатышты, ан сайын атасынын айткандарын эстеп ыйлап алат. Байтур менен Мыскал келип-кетип жардамдашып турат, аңгыча кыркы да өтүп өз-өз үйлөрүнө кетишти. Зуура Артур келип алып кетет деп күттү эле ал жадагалса кыркына да келбеди. Өскөнбай эл ичинен аны издеген менен көрүнбөдү: "Атамдын тузуна койдум", - деп ойлоп алды. Зуура Артур жөнүндө сөз болобу деп күттү эле болбоду, тек Артур деген анын жашоосунда болбогондой эстегиси да келбеди, түш ченде чай ичип отурганда Зуура таарыныч кыла сөз козгоду:

- Ботом, Атурду кудай урдубу, бир келип койбогону эмнеси?

- Ал менин жашоомдо жок болгону жакшы, мен ал жөнүндө сүйлөмөк тургай эстегим келбейт, - деди Өскөнбай.

- Кой балам, Артурду бармактайында бакканбыз, сенден алты жашка улуу, сага дагы канат бутак керек, - деди Зуура сынай.

- Мага канат бутак болчу бир гана кудай, боорго катып боор оору болобу пендеге, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң башың кандайт деген ошол да, кана туугандары бир кайрылып келгени, көрүп билип унчуккан эмес экен, эми адам болуп колунан келгенде теги-жээндери келип жатпайбы?

- Капырай де, ошентиптирби?

- Ким билбейт, терисин алып келип тирүү кой кылып кеткендерин мага айткандар далай чыгат, апа ал жөнүндө мага экинчи сөз кылбаңыз, мен сизди атамдын кадыры үчүн, энелик атыңыз үчүн өзүм карап-багып алам, албетте кааласаңыз, - деди Өскөнбай өткүр көздөрү менен карап, - Ансыз да менин энем сизсиз, биз ынтымакта жашасак ким буза алат бизди?

- Ооба айланайын, мен Артурду кандай кылып бакпадым, көрсө боору бөлөктүгүнө кеткен тура, - Зуура үшкүрүнүп алды. Өскөнбай андан кийин үн деген жок, ошол күнү Өскөнбай менен Азиманын келе элек иштешкендери батага келип калышты. Аларга тамак-аш жасап куран окутуп отурганда совхоздун башкы бухгалтери менен Артур келип калды, куран окутуп болгондон кийин Артур Зуурага кайрылды:

- Апа, кетсең ала кетейин.

- Кое тур балам, чалымдын жылдыгына чейин биерде болбосом эл наала кылбайбы, кантсе дагы элүү жыл бирге жашадык, жаман жашаган жокпуз, кетип калганым болбойт.

- Мейли, өзүңүз билиңиз, - деди да чыгып кетти.

Өскөнбай аны жини келе караганы менен унчукпады. Көздөрүндөгү кек толгон караштары аларды бир күрөшкө чакыргандай тымызын ичтеринен сызып тим болушту. Зуура Артурга таарынып жүрдү: "Чекесине черттирбей, жаман сөз угузбай, жетимдигин билгизбей бактым эле, кеңешип-таңашып койбой туугандарына катышканын кара, ырас эле бирөө келип биздин баланы багып жатасыңар деп бири келип койду беле", - деп ыйлап да алды: "Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген ушул тура, бирөөнүн баласын алпештеп өстүрсөң да акыры таап кетет экен да, жараткан ай, жок дегенде бир кыз берип койсоң эмне", - деп картайып жүзүнө түшкөн бырышында сай-сайлап жашы агып ыйлап жатты түн ичинде. Азима Зуураны "апа" деп эле турат. Саада бала эмеспи, баягыдан тили такталып сүйлөп калган, Зууранын жанына бөйтөйүп отуруп алат:

- Чоң апа, сизди жакшы көйөм ээ?

- Ооба айланайын.

- Сизчи, мени жакшы көйөсүзбү?

- Анан эмей, сени жакшы көрөм да.

- Мен дагы, сизди жакшы көйөм, чоң атам өлүп калбадыбы, эмне үчүн өлдү чоң атам?

- Ал тигил жакка керек экен, кызым.

- Каякка, а сиз аякка кейек эмес туйбайсызбы ээ?

- Ыя?! - деп Зуура чоочуй карады, алардын сөзүн ишин кылып жүргөн Азима угуп алып бырс этип күлүп алды, ички бөлмөдө болчу.

- Сиз аякка кейек эмес экенсиз да.

- Ооба кагылайын, керек эмес окшойм, - Зуура ойлуу айтты муну, ал ошол күнкү Ызактын калтыраган колдорун көз алдына келтирди: "Байкуш, жан талашты ээ, анын өлүп калаарын кайдан билем, тарап кетет деп ойлодум да, мен эле өлтүрүп койдум окшойт", - деп мелтирей отуруп калды, Саада аны жулкулдатып жатыптыр:

- Чоң апа дейм, чоң апа!

- Ыя, эмне болду садага?

- Уктап калдыңызбы?

- Жо-ок кызым.

- Анда эмне сүйлөбөй калдыңыз?

- Ойлонуп кеткен турбайынбы?

- Эмнени?

- Өткөндү, кызым.

- Өткөн деген эмне?

- Сендей кезимди.

- Сиз мендей белеңиз?

- Ооба.

- Калп, сиз чо-оңсуз, менин чоң апамсыз да.

- Ооба кагылайын, сенин чоң апаңмын.

- Анан эмне мендей болгом дейсиз? - Саада жадабай сурай бергенине Азима үйдөн чыкты:

- Саада, чоң апа чарчады, эс алсын, сурай бербе да, жүрү үйгө кирели, - деп колунан жетелегенде ал чырылдап:

- Чоң апамдын жанында отуйайынчы, - деп болбой жатты.

- Тим кой балам, отура берсин, эрмек болот да.

- Сизди тажатып ийген жокпу, апа?

- Жо-ок, тажамак турсун эс алып калдым, - Зуура күлүп калды.

Кеч киргенде уйкусу келип араң үйгө киришти, Өскөнбай жумушунан келип чогуу тамакка отурушту. Көптөн кийин:

- Ази, менин бир тагам бар экен, таежем экөө үйбүлөсү менен учурушкандын ортосунда батага келгени жатышыптыр, - деди Өскөнбай.

- Качан? - деп Азима аны карап жооп күтүп калды.

- Дем алышта келишет экен, даярдана бер.

- Союшун эле алдырсаң башкасы даяр го, - Экөө сүйлөшүп жатканда Зуура өзүнө кеңеш салбаганга ичинен жини келди, бирок ушул жашында таарынып кайда бармак, бала ордуна бала кылып баккан Артуру баягы бойдон кабар да албады.

- Ээ апа, сиз каршы эмессизби? - деди көптөн кийин Өскөнбай Зуурага кайрыла.

- Эмнеге каршы болом балам, катташып алганың жакшы дечи, бирок Сааданы жалгыз кыз деп уктум эле…

- Ооба, апам жалгыз кыз экен, кийинки апасынан төрөлгөн балдары экен, ошондо апам менен аталаш болобу?

- Ошондой, эки бала экен да.

- Ооба, бири уул, бири кыз экен, сураштырып жүрүшкөн экен да, апам атам менен үйлөнгөндө алар жаш экен, кийин апам өлүп калганда мени билишпептир, анткени бала экен, кийин угушуптур.

- Мейли балам, тууган-уруктун бары жакшы, катыша бер, - деди ойлуу Зуура, - Мен Артурду жөндөн жөн жаман көрүп жаткан окшойм, анын да эли-журту бар эмеспи, курган акылсыз жаным.

- Садагаң болоюн десе, сен атаңдын өзүн тартыпсың, пейли кенен, ак көңүл адам эле, кудай өмүрүңдү берсин балам, - Зуура чын пейлиненби, же жөн гана айттыбы, алкап отурду.

Эртеси чындап эле Өскөнбай Артурдун үйүнө барды, эки уулу сыртта ойноп жүргөн, Кабыл көрүп эле жүгүрүп келди:

- Өскөн байкем келди!

- Чоңойдуңарбы? - Экөөнү өөп анан үйгө карады, - Ким бар үйдө?

- Апам бар, атам жок.

- Качан келет атаң?

- Билбейм, - Аңгыча Рая чыга калды:

- Кел бала, келип калыпсың?

- Жеңе амансызбы, келип калдык, - Өскөнбай эч митайымдыгы жок учурашты.

- Келгениң го жакшы, үйгө кир.

- Артур байкем экөөңөрдү чакырып келдим эле, мүмкүн болсо эртең барып калгыла, жеңе.

- Байкеңе айтып көрөйүн.

- Бир энеден туулбасак да бир кеседен аш ичкенбиз, бир үйдө өстүк, кичүүлүк парзым, алдыңардан кечирим сураш, албетте күнөөм болбосо дагы.

- Айтам, келип кеткениңди сөзсүз айтам, сага рахмат, бала, - деп Рая үйгө кир десе да болбой сырттан кайтты Өскөнбай.

Эртеси тагасы менен таежеси, Сааданын аталаш иниси менен сиңдиси, үйбүлөсү менен келип калышты, Өскөнбайдын аялы экөөнө бир сыйра кийит менен, кой союп, боорсок таттуу тарапа ала келген экен, Өскөнбай Байтурга айтып союш союп конок каадасын катуу күтүнүп жатканда Артурлар келип калды. Өскөнбай чын дилинен ыраазы боло алдынан тосуп алып экөө кучакташа көрүшүштү, андан кийин үйгө киргизип коноктору менен тааныштырды. Кубанычтуу бака-шака түшүп ортодо эч нерсе болбогондой ага-инилер конокту тосуп жатышты. Таежеси Майра шакылдаган неме экен, сөздүн ток этээр жерин айтып Өскөнбайга кайрылды.

- Жээним, дүйнөдө эмне гана болбойт, Саада эжемди жакшы да биле албай калдым, ал турмушка чыкканда үч жашар экенмин, Кадыр эмчектеги бала болчу, атам оорудан каза болгондо мен араң эле алтыга чыккам, тагдыр экен жакында апабыздан да айрылып калдык, апам өлөөрүндө гана айтып кетти, сени сураштырганыбызга туура бир жыл болду.

- Таеже, келгениңер мени кубанычка бөлөп отурат, кыргызда өлгөн өзүнүн шор деп коюшат экен, мен жадагалса ууз сүтүн эмбей калыптырмын, эми мага ата да, эне да болгон, эмчек сүтүн бербесе элик сүтүн берип чоңойткон апам мына бул, - деп атайлап эле Зуураны далысынан таптай эркелегенсип айтты, дилинде Зууранын өзүн жакшы көрбөсүн билсе да ушинтти, бирок жүрөгү сыздап, көзүнө жаш тегерене түштү, жашка мууна отуруп калды, - А бу киши менин агам, совхоздо бакыйган мал доктур, - деп көптөн кийин күлгөн болуп Артурду карады.

- Бу кишини билебиз го, кантип тааныбайлы.

- Айланайындар, мен Өскөндү ымыркайынан бактым, өгөй дешет экен, бирок мен Өскөнүмө өгөйлүк кылганым жок, мына бакыйган тарыхчы мугалим маңдайыңарда отурат, мен өстүргөн уулдар, - деп Зуура кашкая Майра менен Кадырга карады, - Эми жалгызсыратпай каттап тургула, кудайга шүгүр атасы баарын жасап берип коюп кетти…

- Арты кайрылуу болсун.

- Айтканыңар келсин, - деп үшкүрүнүп койду Зуура, алтымыш төрткө чыкса дагы кырчындай болуп жоолук салынышы, жүзүндөгү сулуулугу тырыш түшкөнүнө карабай бир топ жаш көрүнгөн бул аял ичинен ирип отурган эле: "Өз балам болбосо ушул экен да, төрөп койсо качанкы өлгөн энесин да эстейт экен, аттиң мен өлсөм ушулар эстемек кайда, Артурга ишенсем ал дагы туугандарын таап алыптыр, төрөбөгөн аял бутагы жок дарак сымал экен да, мөмөсү жок алма бак тура", - деп сыздап ийди ушул кезде.

Өскөнбай таежеси менен тагасына кийит-кече кийгизип, балдарына акча карматып, бир союшту салып берип узатты да үйгө кирип дасторконго отурду. Артурлар кете элек болчу.

- Өзүбек кетип өз калды дечи беле байке, кана эми көптөн бери арабыз алыстап кетти, атам өлгөндөн кийин минткенибиз болбойт, эгерде менден кеткен болсо кечириңиз, - деди агасын карап.

- Жок иним, сенден эмес, менден кетти, - Зуураны бир карап алды Артур, - бала кезден бир жат сөздөргө кулак көнүп калса жаман тура, киши болгонумду эстен чыгарып баланын ишин кылдым, сен мени кечир! - деди Артур, ошол кезде Зуурага көзү түштү, ал аны жек көрө карап турган экен. Анын: "Сен деген дал ушул үйдө калышың керек, Өскөнбайды кубалап чыгасың, эч качан ал сойкунун баласына бул үйдү ыраа көрбөйм, ал нокотек, никесиз төрөлгөн", - деген сөздөрү кулагына шак эте түштү.

- Биз бир туугандай биригишибиз керек байке, демек менде дагы, сизде дагы күнөө жок, ошондуктан мындан ары жеңем менен инилерим болуп чогуу эле жашабайлыбы, бир үйгө сыйбай эмне болуптурбуз? - деди Өскөнбай аңгыча, Артур ойлонуп калган:

- Эмне дедиң? - деди чоочугандай.

- Тигил үйдү кулпулап коюп эле чогуу бололу, заңгыраган үйгө батпай эмне болуптурбуз, балдар дагы чогуу өсүп бир туугандай өсөт.

- Ойлонуп көрөлү.

- Кандай дейсиз, апа? - Өскөнбай Зуурага кайрылды.

- Туура, пейлиңерди кенен кылсаңар батасыңар, кеп өзүңөрдүн ынтымагыңарда, - Зуура башын ийкеди. Анын оюнда Артурдун бул үйгө келгени майдай эле жагып турду, бирок Артур Рая экөө кеңешип бөлөк туруп, тез-тез келип турмак болушту. Өскөнбай ага кейиген да жок, болгону өз оюн айтты, Артурду сынап көрмөк болду, ушул келиште Зуура Артурдукуна бармак болуп кошо кетти.

Жашоодо адам баласы оюна келбеген күтүлбөстүктөр болот эмеспи, аны да адамдар ойлоп табат, адамдар жасайт, бири-бирин көрө албастык, ичи таар пейли жамандык адамды кылмышка түртөт, болтурбай коюуга да мүмкүн болбой калган учурлар болот. Көнүмүш оокат тиричилик менен арадан дагы бир жыл өтүп кетти, Өскөнбай Байтурга кеңешип малдын көбүн сатып кассага салды, совхозго этке торпок менен эки эчки төгүп Байтурга болгону он чакты кой, эки саан уй, эки жылкы калтырды:

- Байтур аба, ушуларды деле көбөйтсө болот, малың көп дей берет экен, андан көрө азайтып эле акча кылып коеюн ээ?

- Мал ээсисиң Өскөн, өзүң билесиң эмне кылаарыңды, - Байтур жер карай күңкүлдөдү.

- Сиздин эмгегиңизге жылына бир торпок берип турам, кандай дейсиз, нааразы эмессизби? - Өскөнбай Байтурга кайрылды.

- Жо-жок, мен ыраазымын.

- Анда сүйлөштүк, малды жакшылап бага бериңиз, - деди да үйүнө жөнөдү. Азиманын боюнда бар эле Саада такылдап чоңоюп калган, кечки тамактарын эми ичип бүткөндө дарбаза катуу тарсылдап калды, коңшусу экен.

- Эмне болду Дарман аба?

- Балам, үйгө жүрчү, уул-келиним мушташып жатат, бирин-бири өлтүрүп коюшпасын, кемпир жок эле үйдө.

- Жарыктык, мен барганда угабы анан?

- Кой деп кой балам, алар кырылышып жатат, - деп карыя ага жардам күтүп жалдыраганынан ал аны ээрчий коңшусунукуна кирип кетти, Азима төшөгүн салып уктаганы жаткан, Саада абдан оюнкарак, Азиманын жанын койбой сүйлөй берди, же уйкусу келбеди.

- Апа, атам качан келет?

- Азыр, эшикке эле чыкты, кызым.

- Каякка кетти?

- Эч жакка, ажатканада жүрсө керек.

- Анда мен бекинип турам, атам келгенде мени таппай калсын, - Шкафтын ичине кирип отуруп алып да сүйлөп жатты, - Атам келдиби?

- Жо-ок кызым келе элек.

- Мени айтпа, таппай калсын ээ?

- Макул, мен уктадым.

- Ыкы-ы, уктаба мен, мен корком, - деп эркелей шкафтын оозун жаап ичине отуруп алды, ошол кезде алардын эшиги такылдап калды:

- Ки-им? - Азима үйдөн эле үн салды.

- Мен эле, Өскөн байкем жок беле? - деп Төлөбайдын баласы Акмат кирди.

- Эшикте жок бекен?

- Көрүнбөйт эшикте.

- Кайда кетип калды, азыр эле чыккан, отура тур, келип калат.

- Макул, отурса отуруп турайын, - деп Акмат тикесинен туруп калды.

- Отурбайсыңбы Акмат.

- Азыр жеңе, жумуштап келдим эле да, тез кел деген атам.

- Анда эртең кел.

- Бүгүн келбейби? - Акмат ыргылжың боло туруп калды, ошол убакта эшик кылдырт деп ачылгандай болду.

- Эми келди окшойт, - деп Азима тура калганда жарык жалп дей өчүп калды, - Өскөн, Өскөн дейм, келе жатасыңбы Өскөн? - деген Азима босогого жеткенде аны бирөө үн чыгарбай кармап калды. Өскөндүн өзүнө тааныш жытына окшобогон коңурсуган жыттан жүрөгү айлана түштү, аны дем чыгарбай көпкө босогодон тосуп турганда Акмат эч нерсеге түшүнбөй да калды.

- Өскөн байке! - деди көптөн кийин, тарс этип бир нерсе жерге түшкөндөй болду, - Өскөн байке! - деп дагы үнүн чыгарганда карылуу колдор аны кармап муунта баштады, үнү чыкпай тырпырап туруп шалак дегенде ошол бойдон үн чыкпай калды, шкафта бекинип отурган Саада караңгыдан коркуп, апасын чакыра албай, же үнү чыкпай терезеден түшкөн айдын жарыгынан улам бир караанды көрүп титиреп отура берди. Көптөн кийин үйүнө келген Өскөнбай үйдүн жарыгы өчүп калганын көрүп кирип учетчике баратты, бутуна бирдеме тийип кетти, эңкейип карап Азима экенин көрүп:

- Ази, Ази сага эмне болду, аччы көзүңдү, - деди да колуна көтөрүп алып жарыкты күйгүздү, Азиманы көтөрүп кирип үйдө инисинин сулк жатканын көрүп эмне болгонуна көзү жетпей Азиманы булкулдатты, ал эчак эле денеси муздап калган эле, кайра тура калып Акматка барды, анын дагы денеси муздак, жүгүрүп чыгып коңшуларына кыйкырып-бакырып ыйлап жатканда ар жак, бер жактан элдер келишти. Өскөнбай өзүн чакырган чалды жакалап кирди.

- Капырай эмне болуп кетти? - деди эшиктеш коңшусу Сыйда.

- Мына бу акмак мени чакырды, сен мени атайын алаксыткан экенсиң, ким, ким өлтүрдү, айт! - деп чалды ачуусу менен катуу муунтуп алган экен зорго бошотушту. Аңгыча Төлөбайлар дагы жетип келип болгон окуяны көрүп баласын көрүп ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Азиманын ата-энеси келди, ошондо гана Өскөнбай кызын эстеп тура калып, - Саада кызым, Саада жок, бул эмне деген эл-журт, менин кайсы күнөөм үчүн ушундай болду? - Туруп үй ичин карап чыкты, бир кезде коркуп жатып уктап калган Сааданын буту шкафты тээп ийгенде көрүнүп калды эле көрүп калышты, аны ала коюп буркураган Өскөнбайдын үнү адамдын муун-жүүнүн бошотуп ийди, ошол убакта кимдир бирөөсү милицияны чакырып койгон экен, үчөө кирип келди. Эмне болгонун сураштырып өлүктү карап көрүшүп тез жардам менен алып кетишти, Өскөнбайды болсо бөлүмчөгө алып кетишти. Ал ботодой боздоп коңшусу чакырып алардын урушун токтотуп барганча ушул иш болгонун алардан күмөн санаганын айтып, аларды дагы суракка алып жатышты. Сакалы сербеңдеген жетимиштеги Дарман карыя милицияларга:

- Балдарым, уул-келиним урушуп бири-бирин өлтүрүп коеордо мен Өскөнбайды чакырганым чын, мен кантип кара санайын, Өскөнбайда күнөө жок, муну башка бирөө кылды, - деди көз кычыгындагы чылпагын сүртө, - Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбагыла, кылмышкерди башка жактан издегиле, бул атайын жасалган иш, узай электе издеп тапкыла, мен дагы убагында силердей иштеп жүргөмүн. Майор Атаналиев Дарман деген мен болом балдарым, Өскөнбайды коюп башка жактан издегиле, - деди да жанындагы паспорту менен пенсиялык күбөлүгүн алып чыкты, анан бир кездеги иштеп жүргөндөгү удостоверениесин көрсөттү. Аны карап көргөн милициялар бири-бирин карап туруп анан Өскөнбайды, Дарман карыяны үйүнө жеткирип коюшту. Ал келип үйүндөгү элдин көзүнчө өкүрүп жатты, коркконунан таенесинин койнуна башын катып алган Саада бакырып жаткан атасын көрүп кошо бакырды, аны сооротуп ата-энеси буркурап эстери оой отурушат, үймөлөктөгөн эл аларды улам сооротуп жубаткандан пайда болбоду, ошондо Төлөбай элдин ортосуна чыгып:

- Өскөнбайга өчөшсүн, муну билип эле турам, менин баламда кайсы күнөө, айланайындар?! - деди үнү дирилдей, - Мен Өскөнбайга өзүм жибердим эле да, көрсө өлүмгө жөнөткөн экенмин го?

- Каралдымдын көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнгөн күнү бүгүн беле, эл-журт? - деп апасы Шарапат ыйлап жатты.

- Бул дагы болсо жазмыш, өчөшкөнүңөр жок беле, Өскөн балам?

- Мен кайдан билем, ичинен өчөшсө өчөшкөндүр, чынында мен бир адамга жамандык кыла элекмин, - деп Өскөнбайдын оозунан көк түтүн буркурап ичи өрттөнүп турду, анын ою эч кимге барбайт эле, кантип билет, - Артур байкемдерге барып келе калгылачы, - деди анан, - укпай калбасын, - дегенде элдин ичинде жүргөн Байтур баласын жөнөттү, селдейип-селдейип үнсүз туруп калышты, Өскөнбай гана отура калып, тура калып жан алакетке түшүп жатты, ошондо аксакал карыя:

- Болоор иш болду балдар, бул күтүлбөгөн кырсыкты пенде көтөрбөскө чарабыз жок, өлүк камын көргүлө, барып текшергенден кийин алып келгиле, районго түндөп баргыла, бияктагылар өз иштерин жасай берсин, үй тигилсин, - дегенде баары аксакал карыянын сөзүн эп көрүштү, Өскөнбайдын машинасын бири айдап, Төлөбайдын улуу баласы өз машинасын айдап жөнөөрдө Байтурдун баласы Камчы келип калды:

- Артур байкелер үйүндө жок экен, кулпулануу турат, - деди.

- Кайда кетиптир? - деген Өскөнбай, өзү Артурду арка бел кылаар эле, шаабайы сууй түштү: "Аттиң, жалгыздын иши жалгыз экен го, ушундайда жанымда болсо болот эле", - деп ойлонуп алды.

- Кайда кеткенин билбейм, - деп ийин куушурду Камчы.

- Болуптур, биз жөнөдүк, - деп жөнөп кетишти, калган эл түндөп өлүк камын көрүүгө шымалана киришти. Булар ошентип тыпырап жатканда Артурдун үйбүлөсү түндөп шаарды көздөй жол тарткан эле. Көптөн бери ичиндеги өчүн чыгарууну иш жүзүнө ашырган Зууранын планы эле…

Артурду турса-басса кулагынын кужурун алат, канчалык анын сөзүнө макулдугун бербей тынч жашоону көздөгөн Артурду Зуура үч күн мурун минтти:

- Нымтырап жаман адам болдуң, сен Өскөнбай болбогондо бардык байлыктын ээси болмоксуң, карыганда мен кылайынбы сен жасай турган ишти, анын сурап алаары жок, өлдү өчтү болот, ыйлап-сыктап эл көзүнө күйгөн болуп койбой жаның жокпу?

- Апа, байлыгы өзүнө эле буйрусун, Өскөн жакшы бала, мени байкелеп турат, ошого тийишпей тынч жашайынчы.

- Башы жок десе, сен адам болбой калдың, анда ушул түнү өзүм барып жатам да үчөөнү тең жайлап келем, Ызактын дарысын тартып алып мен өлтүргөмүн, уктуңбу?

- Койчу? - Артур апасын таңгала карады.

- Ооба, баары сен үчүн, мурасын өткөрүп бүтпөй калган, сандыкта ал жазган кол каты бар, ошону жок кылсак эле баары сеники болот, билдиңби байлык деген байлык, канча малды жалгыз ээлеп калды! - дегенде көздөрү кектен жалжылдап аялдын-эненин эмес эле аял ажыдаар тургандай болуп көрүндү Артурга, унчукпай сыртка чыгып кетти, көптөн бери бир адамды билчү, үй-жайы жок тентиреп жүргөн неменин адам өлтүрүп камалып келгенин уккан: "Ошонун колунан келет", - деп ойлонуп алды да эртеси аны таап ээн жерге алып барды:

- Менден эмне керек иничек? - деди ал Артурга.

- Мен бир сунуш айтам, эгерде аткарсаң үстүңө үй, аял жана машина алып беремин, оозуңдан сөз чыкпасын.

- Мен оозумду эбак бекитип койгомун, эгерде айтканың чын болсо баарын аткарам!

- Анда жүрү, - деп машинасына күүгүмдө отургузуп алды да Өскөнбайдын үйүнүн жанына жетпей токтотту, - Бул үйдө үч адам жашайт, эрди-аял, бир алты жашар кыз, үчөөнү тең жайлайсың, мен сага айткандарымды берем.

- Жарайт, бул иш мен үчүн оюнчуктай эле иш, бирок сен аткарасыңбы?

- Аткарсаң аткарам!

- Жарайт, эртең кечинде бүтүрөм, - деди тигил адам, бул он беш жыл түрмөдө отуруп чыгып өз элине батпай тентип жүргөн Карабай деген адам эле. Кайра кайтканда жолдон Карабайды жал-жал караган Артур:

- Кай жерлик болосуз? - деди.

- Нарындан, укмуштуу окуяны баштан өткөрүп камалгамын, бирок сага ишенсе болобу, мени түрмөгө түшө бер, жыл өтпөй куткарып алам деген адам менин артымдан барып койбой изин сууткан.

- Сиз ишти бүтүрсөңүз эле мен сизге айтканымды берем.

- Жарайт жигит, мени ушул жерден түшүрүп кой, селсаяктын кайда түнөгөнү, кантип жашаары кимге кызык, мааниси да жок.

- Макул, - Артур машинасын токтотоору менен Карабай түшүп калды. Артур андан ары үйүнө келип Зууранын көзүнө чалдыккысы келбей кеч кирип өз бөлмөсүнө өтүп кетти, түнү бою уктай албай чабалактай берди: "Иче турган ашыңа какырба дечү эле, мен эмне кылып койдум, бул аял бакканын милдет кылып мени кылмышка түртүп жаткан жокпу", - деп ойлоно берди. Эртеси директоруна кирип иштен чыгуу үчүн арыз жазды.

- Кайда кетип жатасың? - деди директор ага таңгала.

- Иш ошондой болуп калды, шаарга кетебиз го.

- Ай-ай Артур, азыр биздин совхозго сендей адистер абдан керек экенин билесиң, ишиң жакшы эле, макул айла жок, - деп директор арызга кол коюп берди, ошол күнү түш оой расчетун алып эсептешип алып кантордон чыгып келе жатканда алдынан Өскөнбай чыга калды:

- Байке кандай, иш жакшыбы? - Өскөнбай ичинде арамы жок учурашты.

- Жакшы, баары жакшы.

- Чакырганда эле келбей үйгө барып турсаңар боло байке?

- Убакыт жок, кеч келем, жеңеңди барып тур деп жатам.

- Мейли, аман-эсен болсок ар дайым бири-бирибизди колдосок болду, - деп Өскөнбай жайдары учурашып узап кетти. Ал узап баратканда: "Ушундай ичинде кири жок адамдын өмүрүнө кол салып жатам, мунум кудайга жакпас ээ, баары бүттү эми, акыры келип ошол үй ээн калса өзүм ээлейм да", - деп заңгыраган там, алма-бакты, кең короону, баарын сыдыра көз алдына келтирип алып басып кетти. Үйүнө келди эле Зуура ага:

- Ойлонуп жатасыңбы же жүрөсүңбү? - деди каарый, - Колуңдагыны алдырып ийип отура бер!

- Бүтүрдүм, бүгүн түндөп андан кабар болсо дароо жолго чыгышыбыз керек.

- Аз-замат балам, биз унчукпай койсок кайдагы бир нокотек баарын ээлеп калып жатпайбы, ошону түшүнчү балам, көзүмдүн тирүүсүндө ошол үйгө сени жайгаштырып койсом, Өскөнбайды киши колдуу болду деп эптеп көмүп коет, ким артынан түшмөк эле, болсо бир тага-таежеси тейтектээр, алар кайсыны кыйратмак эле, сени менен менден түк да ойлошпойт, орун очогуң бар, экөөң бир туугандайсыңар, - деп дагы бир топ сөздү айтып жатты. Рая күйөөсүн бир карап, кайненесин бир карап балдарын кийинтип даярданып турду. Добул экинчи класста окуп калган, Кабыл али окуй элек. Бир кезде машинасына минип болжошкон жерге келип күтүп турду, көп өтпөй бир караан анын жанына келип отурду.

- Иш бүттүбү?

- Баары сен айткандай болду.

- Азамат, - деген Артур аны бир карап алды да, - Эртең ушул жерге кел, мен сенин үйүңдү көрсөтүп, машинаны алып барып коем, аялды өзүң табасың, жардам берем, бирок оозуңа бек бол, - дегенде Карабай шарт машинадан түшүп ары басты, ошол убакта Артур колуна машинанын ручкасын алды да анын артынан кыйкырды, ээн жерде булардын үнүн эч ким укмак эмес.

- Эмне болду? - Карабай токтоп калды, ошол кезде Артур:

- Үчөөнү тең жайладыңбы, кызын дагы өлтүрдүңбү? - деди акырын.

- Ооба, - деди Карабай калп эле, - Үчөөнү тең.

- Бара бер, - дегенде Карабай бурулуп жөнөдү эле ручка менен башка күч менен чапты, ал "Аа-а!", - деп жыгылып түштү, Артур өлбөй калбасын деп ойлоп башка бир нече жолу чапты да колундагы темир ручканы карышкан колуна бекем кармаган бойдон машинасына отуруп үйүнө келди да темир ручканын кан болгонун көрүп сууга жууп, машинасынын салонун дагы жууп анан үйбүлөсүн отургузуп түндөп кетип калды, Зуура үйдө эле калган, сырты кулпулануу эмес болчу, Камчы каалганы тартканда ичтен илинүү эле.

Түнү бою моргдо жүрүшүп, эртеси түшкө жакын экспертке тарттыргандан кийин гана эки бирдей өлүктү алып келишти, алар келгенде милициялар Өскөнбайга жолугуп айылдын четиндеги бактын ичинен дагы бир өлүк табылганын, анын башын талкаланганын айтты эле ал:

- Анда кылмыштын изин жашыруу үчүн өлтүрүшкөн экен, булар жалгыз эмес окшойт? - деди Өскөнбай.

- Биз дагы ошондой ойлоп жатабыз.

- Ким болушу мүмкүн?

- Айтуу кыйын, дагы иликтейбиз го?

- Айла жок, мындай кайгыны көтөрүү оңой эмес экен, - деп ыйлап-сыктап өлүктү коюу ырасмына киришти: "Өлгөндүн сазайы көмгөн", - дегендей эртеси Азиманы боздоп сыздап жерге беришти, Саада чырылдап:

- Апам кана, апама барам, - деп ыйлаган сайын ыйлабаган жан жок, Өскөнбай андан бетер буркурайт, кечээ гана бактылуу жылмайып, ичин сыйпалай өзүнө эркелеп: "Өскөн, мен билип турам, бул уул болот", - деп төшүнө башын коюп эч капарсыз жаткан келинчегинин кара жерди жазданып жатып калганын ойлоп жаны жай албай: "Эгерде колума тийсе өзүм өлтүрөмүн, камалып кетсем да кайылмын", - деп муштумун түйүп ордунан тура калганын өзү да билбей калып жатты. Байтур менен Мыскал ошол жерде күнү-түнү кызматын кылып кайгысына тең орток болуп жүрүштү. Төрөбек дагы анын жанында үйбүлөсү менен туугандары болуп ошол жерде, өлүктү ызаат-сый менен коюп, ырым-жырымын жасагандан кийин дагы Өскөнбайды жалгыз калтырбай жанында болушту. Үч күн өткөндө гана Артур үйбүлөсү менен өкүрүп келди, Зууранын ыйлаганын айтпа, "күйбөс катын кошокчу", - дегендей кан какшап кошогун кошуп жатканы менен ичинен: "Кудай албаган Артур, ишти чала кылганын кара, өлө турган өлбөй өлбөй турган өлүптүр", - деп ичи тызылдап жатты. Артур курулай күйгөн болуп Өскөнбайды кучактап бакырып:

- Кандай иш болуп кетти боорум, шаарга балдар менен кетип укпай калбадыкпы, деги кандай балакет болду? - деп ыйлап кирди.

- Ушундай болду байке, ушундай оор кезде жанымда болбой кайда кетип калдыңар, мен Азимадан айрылып калдым, ошол канкорду көрсөтүп койсо өз колум менн терисин тирүүлөй сыйрып кыйнап өлтүрөт элем, - дегенде Артурдун жүрөгү селт этип алды, сыртынан билгизбей:

- Кана колго түшсө, андай немени соо койбойт элек, - деди жер карап.

- Заматта болду, мен эшикти каккылаган дабыштан эшикке чыккамын, Дарман аба экен, уул-келини урушуп жатыптыр, ажыратып кой деп калды. Мен кеткенде Акмат келиптир, Төлөбай абам аны мага жөнөткөн экен, карачы ажалынын жеткенин, - деп болгонун айтып отурду Өскөнбай, андан кийин боз үйдөн Зуура чыгып Өскөнбайды кучактап ыйлаган болду, Рая дагы көз көрсөттү, Артур ичинен: "Ажал жетпесе кыйын экен да, Дарман аба чакырбаганда бул дагы өлмөк, куштун эмчеги жок, кудай өзү сактайт", - деген ушул тура, - деп ойлонуп боз үйдүн капшытында Өскөнбайдын жанында отурду. Анын ички оюн кайдан билсин, ал сырын, арманын айтып жатты, эң негизги сары санаасы билинип калуудан коркуп жаткан. Бардык ыгым, чыгымдарын төлөгөндөн кийин кайын журту Сааданы алып үйгө келишти, анткени союштун баары Өскөнбайдын өзүнөн чыккан эле.

- Балам, - деди Азиманын атасы Сарыбай, - Азимадан болсо айрылдык, сен бизди таштаба, Сааданы биз багып туралы, сен азыр баланы караганга акыбалың келбейт, апаң экөөбүз кеңешип чечтик, неберебиз бизде боло берсин, качандыр өзүңдүн шартың туура келгенде барып алып келип аласың, - деди.

- Макул-макул ата, Саада ыйлабай, ооруп сыркабай эле жүрсө болду, - Өскөнбай кайнатасына баш ийкеди.

- Болуптур балам, көп эле ойлоно бербе, этият бол, менимче алар сени өлтүрмөк болгон өңдүү, алыстан эмес жакындан эле уюшулгандай сезилип жатат, - деди Сарыбай ички күдүк оюн айтып.

- Кандайча? - Өскөнбай кайнатасын таңдана карады, - Эмнеге андай деп ойлойсуз ата?

- Элдин айтмында Артур сени көрө албайт экен, балким уюштуруп коюп качып кеткендир, апаң дагы кийин келди, неге алар ошол күнү алыска кетип калышат?

- Канттип, Артур байкем ошого барсын, мүмкүн эмес.

- Мейли, мен экөөңөрдүн ортоңорго от жаккым келген эмес, бирок ойлонуп көрсөң, ошол күндү эстечи, Артур жумуштан чыгыптыр, анан кайра келип эле ишке кирип жатпайбы, ал корккон өзүнөн, билинип калабы деп чоочулап алыска кетмек болгон, бирок ал эки баласы менен аялы болуп шаарга кетпей эле төштөгү сарайдагы койчунун үйүндө үч күн болуптур, эч кайда барган эмес, апаң үйүндө эле бекинип жаткан имиш, эч кандай шектүү болбогон соң гана келишиптир, - деп Сарыбай күйөө баласына айтып отурду.

- Эгерде ал кылган болсо оңбойт ата, жетимдигин билгизбей асырап, окутуп чокутуп, үйлөнтүп үстүнө үй болгон адамга кара санаса оңбойт, - деп сүйлөшүп отурганда Байтур кирди:

- Салам Алейкум!

- Алеки Салам, кел Байтур, мал жан аманбы?

- Аманы курусун, түндө короодон жылкынын бирин уурдап кетиптир, эч кимге айтпай издеп келдим, киши колдуу болгонбу, кыскасы таппай келдим, эмне кылаарымды билбей сага келдим Өскөн.

- Издеп көрүңүз, табылбаса арга жок андан кымбат адамымды жоготуп зорго отурам, - деди Өскөнбай каңырыгы түтөй, - Артур байкемдер өткөндө шаарга барып келиштиби?

- Билбейм, алар мага эчтеке айтышпайт.

- Мейли бара бериңиз.

- Мейли анда, дагы издейин, - Байтур чынында эчтеке билбейт, Зуура аларды тирүүсүндө бир тууган катары катыштырбасы айдан ачык эле, Байтур кээде жини келип калчу, бир тууганымды мага катыштырбай өткөрөт бул катын, бир ата, бир энеден төрөлгөн иним менен бир боорлошуп отура албаганым азап эмеспи, - деп. Чынында Артур анын бир тууган экенин кийин малын көздөтүп жүргөндө Байтур айткан, бирок Зуура угуп алып Байтурду урушуп койгон, Артурга болсо: "Ал жалган айтат, сени тамашалап койгондур", - деп ишендирген эле. Ошол бойдон эч кимиси унчукпай калган, ошондо алты-жетиге чыгып калган болчу, кээде ойлонуп агасы экенин туюп турса да айта албайт, же батынып бара албайт, кайдыгер гана учурашып тим болушканына ичинен кыжаалат боло берет. Кырк күн болоюн деп Өскөнбай камынып кайната-кайненесине кеңешип жаткан, ошол күнү ага милиция келип калды:

- Өскөнбай байке, бир шектүү из таптык.

- Кандай из?

- Машинаны изи, табылган өлүктөн эки метр аралыкта бут кийимдин изи да турат, ошону изилдеш керек, сүрөткө тартып алдык, - деди участковый Өскөнбайга кайрылып.

- Кызык, аны кантип далилдейсиңер анан?

- Текшерүүгө жөнөтөбүз, бут кийимдин, машинанын издерин текшерип кандай машина экенин далилдеп ээсин таап коебуз, - дегенде Өскөнбай ага карап:

- Табылса кана, өчүмдү өзүм алам, колума бир берип койсоңор, - деди ойлуу. Милиция кеткенден кийин Өскөнбай ойлонуп калды: "Кандай адам, ким деги, менде кандай өчү бар болду экен, неге өчөштү мага, Азима-Азима, сени жоготуу мага өтө оор болгонун сен билбей гана кара жердин алдында жатасың, сени абдан сагындым, Саада азыр эненин да, атанын да мээримин сагынып жүрөт, менин жанымда жүрө албайт, жалгыздыктан сени эстей берип кыйналып кеттим Азима", - деп оор үшкүрө ордунан туруп ары-бери басып башын мыкчый кыжаалат болуп турганда Беккул менен Төлөбай келип калды.

- Өскөн акыбалдар жакшыбы?

- Дурус, санаадан жаным кашайып баратат.

- Көп ойлоно бербе, биз Акматты ойлонуп жаман болуп жүрөбүз, кайдан жибере койдум эле деп өз башымды өзүм койгулап жүрбөйүнбү? - Төлөбай каңырыгы түтөп кетти.

- Баса милиция келип айттыбы?

- Айтты, эми иликтейбиз деди, байке чай кайнам гана убакыт өттү, кандай болуп кеткенин билбей калдым, жинди болуп кете жаздадым, ойлосоңуз, кошунам чакырганынан аларды тынчтандырып коюп келсем үйдө эки өлүк жатса, кызымдын дагы көрөөр күнү бар экен да, шкафка кирип кетпесе аны да соо коймок эмес экен да, - деп күйүп-бышып жатты.

- Бул да болсо пешене балам, айла канча, ушуну көрсөттү жараткан, көтөрбөскө чарабыз жок экен да, - деп Төлөбай Өскөнбайга акыл-насаат айтып жатты. Көпкө сүйлөшүп отурушуп анан кы

- ??????

анан кетишти. Туугандары келип керектүүлөрүн сурап сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап кетип жатышса Өскөнбайдын оюнда Артур турду: "Неге бир жолу келип кеңешип койбойт, ал-акыбалымды бир жолу сурап койсо эмне болот, апамчы ал неге келбейт, өгөй дебей апалап турчу эле Азима, ошонун арбагына бир келип куран окутуп коюшпады, атамдын даамын татып жакшылыгын деле көрдү эле", - деп ойлоно берди. Акыры кырк күн болгондо тууган-уругу чогулуп келип өткөрүп жатканда гана Артур, аялы менен Зуура болуп дарбазадан кирип келе жатканда Өскөнбай ары басып кетти, Артур тургандар менен учурашып туруп калды. Зуура менен Рая боз үйгө кирип кетишти. Беккулдун аялы Зуура ыйлап бүткөндөн кийин атайлап тийише сүйлөдү:

- Ийи жеңе, акем бардагыдай эле бул үйдө болбойт белең, туубаса дагы тутунган балаң Өскөн, саламчыдан бетер кайдыгер гана келгениң туура эмес, акем сизди үлпүлдөтүп төрөбөдүң түшпөдүң дебей карачы эле, - деди эле Зуура кызаңдап калды:

- Карылык деген кыйын экен, ооруп жаттым.

- Ушу Өскөндөн жаман сөз уктуңбу же көңүлүң калдыбы?

- Жо-ок Алтын, Өскөнүм мага жаман айткан эмес, таарынбайт балам, айла канча эрте эле келмекмин.

- Эрте келбей эле ушундайда кашында болсоң болот эле го, же бул үйгө келбес болдуң беле?

- Кой Алтын, менин жаман оюм да жок, болгону ооруп калдым, эми ушул жерде болом, - деп кызаңдай отуруп калды.

- Кана, келиниңе союп келген коюң, ага ордуна ага, ата ордуна ата болчу Артурдун колунан эчтеке келбедиби, салт деген бар, ага-тууганы, илик-жааты, союш союп келип куран окутат, акем бакыйтып адам кылды, - деп аябай сүйлөдү, андан кийин Зуура унчуга албады. Чынында алар конфет-печенье менен боорсок алып келишкен эле, отургандар жаалап ийишти:

- Ооба-ооба, апасындай болуп калгансың, Ызак бечара Артурду кандай гана бакпады, тууган-уругу белгисиз же жок болсо бир жөн, көрүп билип турса дагы чекесинен сылап койгонго жараган эмес, эми минтип тууганы табылып пайдасын көрүп жатат, колунда жок экен Байтурду киши деп ойлодубу? - деди Төлөбайдын аялы, алар бир күн кийин өткөрмөк болушкан, элдин арасында болчу.

- Капырай десең, өзүң туубагандан кийин апалап турган баланы имергин да, кайсы өгөй бала жакшы айтып сыйлайт, чанда болот андай, карыдың эми, ушуларды бириктирип ынтымакка чакырышың керек. Экөөнү сен жакшы болсоң өлгөнчө бири-бирине бир туугандай кылып өт, өлсөң дагы ушулар сени ызааттап сыйлап көмө турган болсун, - деп дагы бири катуу айтты эле ал үн дебей угуп отурду. Аңгыча куран окутуп келген аялдар, Өскөнбайдын таежеси, таажеңелери кирип ыйлап калышты, ыйлап басылгандан кийин дасторконго алып келгендерин жайды, килейген койдун этин бышырып келген экен ого бетер кичирейип отура албай кыйпычылыктап сыртка карай жөнөдү.

- Ай Зуура кайда барасың, куран окулсун, - деди Беккулдун аялы Нази аны бура бастырбады, - Ырахмат айланайын, арбакты сыйлап ушинтип келгениңерге, - дегенде боз үйгө Өскөнбай баш болуп тагасы менен эркектер кирип куран окуп калды. Зуура араң эле отурду, кирген эркектердин арасында Артур дагы бар эле, башын жерге салып бата кылып кайра эл менен чыгып кетти, тамак тартылып куран окугандан кийин Артурлар дароо эле кетип калышты. Ошондо Өскөнбай ичинен сызып: "Демек мунун ою арам экен, болбосо кетпей кое турса эмне болот, апамды кара мага караан болуп ушундайда жөлөк болгондун ордуна кайдыгер адамдай кеч келип кайра кетип калышты", - деп арман кылып алды. Эл тараган кезде Сарыбай күйөө баласынын жанына үндөбөй көпкө отурду, анан тамагын кыра сөз баштады:

- Өскөн, мен дагы күмөндөгүп турам, кылмышкер жаныбызда эле жүргөндөй.

- Эмне дегиңиз бар ата, айта бериңиз, - деди Өскөнбай чарчагандай.

- Ушу бир гана нерсени ачык билбей турам, болбосо кылмышкерди өзүм кармайт элем.

- Эмнени?

- Артур экенине далилим жок.

- Ишенбейм, ал болушу мүмкүн эмес.

- Ушинтээриңди билип турам дечи, бирок көз карашында бирдеме катылып тургансыйт, көзүн ала качып бет келгенде жаныңа тура албай качып ары басып кетет, ушу бүгүнкү көз карашы абдан башкача, бул үйгө жалгыз турба, - деди Сарыбай күйөө баласына олуттуу карап.

- Билбейм ата, түшүнбөй да калдым, эмне дээримди да билбейм, - Үшкүрө кайнатасын карады, - Эмне ушул күнөөкөр деп милицияга баралыбы?

- Жо-ок, муну сынап сөздөн кармашыбыз керек.

- Кандай жол менен?

- Анын жолу оңой.

- Айтыңыз…

- Артурду үйгө чакыртып кел, экөөбүз эки жактан сөзгө алабыз, мен баштайын, анын жүзүн көздөрүн ынтаа коюп кара, кылмышы бар адамдар өтө коркок болот, кыймыл аракетинен эле билдирип, сөздөн жаңылат, - деп Сарыбай ага айтып отурду.

- Макул ата, эгерде ошол кылган болсо ушул жерде өлтүрөм!

- Абайла, токтоо бол уулум, мен дагы күйүп жүрөмүн, бирок мыйзам деген бар, жазасыз калтырбашыбыз керек.

- Жарайт, качан чакырайын?

- Ортодон убакыт өтсүн.

- Сиз билиңиз, байкаса байкап көрөлү, - деди Өскөнбай, ушул учурда атасы өлгөндөгү окуя көз алдына келди, жөндөн-жөн эле "Никесиз төрөлгөн", - деп элдин алдында айтканын эстегенде: "Ырас эле ич күйдүлүгү күч алып жүргөн экен", - деп ойлоп муштумун түйүп алып кыжынып алды. Сарыбай аркы-беркини айтып көпкө отурду, улам келип кеткендерге куран окуп жатышты. Эл тарагандан кийин үйдү бүгүп жыйыштырып тамдын үстүнө чыгарышты, боз үй Ызактын ата-энесинен калган алты канат чоң үй. Күндүзү керээлден кечке жалгыз калчу болду, бир күнү Сарыбай Сааданы жетелеп алып келип калды:

- Атаңды сагындыңбы кызым, анакей бара гой.

- Ата-а! - Саада көпөлөктөй болуп жүгүрүп барып Өскөнбайды кучактап калды, - Ата, мени эмнеге таштап койдуңар таятамдыкына, силерди сагынып кеттим, - деп Өскөнбайды кучактап калды, - Апам үйдөбү ата? - Өскөнбай дароо кайнатасын карады.

- Жок, апаң алыска-а кетти, жакында келе албайт.

- Эмнеге алыска кетип калды, мен апамды сагындым, - деп атасын кучактап алып ыйлап жатты, - Ата анда апама барбайлыбы?

- Кой кызым, апаң аябай алыста, - деп мууну бошоп Сааданы алдына алып отуруп бооруна кысып солкулдап жатты, аларды көрүп ары жакка баскан Сарыбай дагы көз жашын тыя албай: "Кызым, кагылайын кызым, өлбөй кал кызым, ушул кызыңды томсортуп кандай канкордун колунан мерт болдуң", - деп муңканып алды.

- Алыста болсо деле келсин, мени өзү сагынгандыр.

- Кызым, тамак ичесиңби? - Өскөнбай кызына боору ооруп кетти, - Жүрө гой башка бөлмөгө баралычы, - деп кызды колунан жетелеп ашканага киришти, үстөлгө отургузуп коюп чай куюп берип өзү маңдайына отурду, - Тамак ичесиңби кызым?

- Ооба-а.

- Алтыным кызым, сен жакшы кызсың да, таенеңдин тилин алып жүр ээ?

- Аный, таенемдикине барбайм, апамды күтөм, келсе мени таппай калат да ата, а сен мени сураса эмне деп айтасың? - деп Саада атасын тикирейе карады, Өскөнбай кызынан көзүн тартып алды, - Ата сен дагы апамды сагындыңбы? - дегенде оозуна сөз кирбей:

- Ооба-ооба кызым, иче гой тамагыңды, - деди туруп идиш-аякка аралашып, идиш жууган болуп:

- Ата сен идиш жууйсуңбу?

- Ооба кызым.

- Апам келгенде жууйт да.

- Ал кө-өптө келет кызым, чайыңды ичсең таятаң менен үйгө бар ээ, мен дагы жумушка барайын, - деп Өскөнбай көтөрүп эшикке алып чыкты. Сарыбай ары-бери басып жүргөн, Сааданы көздөй басып келди:

- Кызым кетелиби, таенең күтүп калды.

- Ыкы, барбайм таенеме, апам келет, мен апамды күтөм.

- Апаң келсе атаң сени алып келип алат, жүрө гой кызым.

- Аний, эмнеге апам келбейт, мени эмнеге таштап кетип калды, ала кетпейт беле, мен апамды сагынды-ым! - Саада өңгүрөп ыйлап ийди.

- Кызым ыйлабачы, мейли барбай эле гой экөөлөп күтөбүз апаңды макулбу? - деп Өскөнбай кызын көтөрүп үйдү айланып басты, - Ыйлабачы кызым, - Бетинен өөп эркелетип, көз жашын аарчып жерге түшүрдү, алма жейсиңби кызым?

- Аный жебейм.

- Мейли, ыйлабай жүр кызым макулбу?

- Анан эмнеге апам келбей жатат?

- Иштери көп болуп жатса кечигет да кызым.

- Эмнеге ал аякка иштейт, бияктан эле иштесе болбойбу?

- Болбойт кызым, - деп Өскөнбай кызын машинасына отургузуп алып, артына Сарыбай түштү, үчөө алардын үйүнө жетишти, ошол жерде дагы Саада чыр кылып ыйлап жатып зорго ал уктаганда кетти Өскөнбай. Шарапат ыйлап көпкө отурду, ата деген ичинен күйөт тура, эне бечара көзүнүн жашын көл кылып Сааданы көргөн сайын сыздап, жүрөгү миң жеринен тилинип аргасыз гана жер үстүндө жүргөнсүйт. Сарыбай аялын сооротуп арка жөлөк болбосо ал куруп калчудай, же айдай талаадан, суусуз чөлдөн, караңгы түндөн издеп кетип калчудай, бирок бири өлүп, бири келип, кара жердин суук топурагы суутуп дүйнөдө эчендер өткөн эмеспи. Ошондуктан: "Өлгөндүн артынан өлө албайсың, өлгөндүн өз шору, тирүүлүк улана берет", - деп бекер айтышпаса керек.

Зуура үйүнө барганда терс карап жатып алды, ал эми Артурга дагы бир балээни баштагысы келип турду, бирок ал тилин алабы, кебин угабы, ошо кыйнап турган эле, айткандай эле үйгө кийин кирген Артур:

- Апа, сен мени кай жакка алпарасың, же түрмөгө, же бир уятка калтырасың го? - деди жиндене, - Мен сага төрөбөсө дагы багып өстүргөнүң үчүн өмүр бою карыздар сезип айтканыңды кылам деп элден журттан чыга турган болдум, басып жүрө албай калдым, Өскөн мага байке дегенден башка эч сөз айтпайт, көзүн карай албай калдым, анын алдында күнөөлүү экенимди ойлогондо өз абийиримдин алдында жооп берүү кыйын болду го?

- Кантет, мен сени жаман болсун дегеним жок, ошол бир сойкунун тууган баласына ээлетпей өз энчиңди алып кал деген эле күнөөмбү? - деп кайра Артурга каарданды. - Ал эмес жанагы заңгыраган үйдө сен гана жашашың керек балам, өзүң чала иш кыласың, өткөндө эле көзүн тазаласаң болмок, эмдигиче баары ордуна келип унутулуп калмак.

- Койчу апа, бүгүнкү уят болгонумду айтпа, Өскөнбай унчукпаганы менен эл айтат экен, жок дегенде сыр билгизбей Рая экөөңөр эки-үч күн мурун барып ошол жерде болбойт белеңер?

- Көргүм келбейт ошол баланы, көрсөм эле кыжырым кайнайт, эл айта берет, анын эмнесине капа болосуң?

- Такыр эле түшүнбөйт экенсиң апа, аял деген сендей болобу билбейм. Эгерде апам тирүү болуп дал сендей мени кылмышка түрткөн болсо карабай басып кетмекмин, - деп унчукпай калды.

- Менин сага каалаганым жакшылык кана балам, кыйналбай жакшы жашоону куруп алсын дегеним да, - деп бүгүнкү өзү уккан абысын-ажындарынын сөзүн эстесе да баары бир көкүрөгүндөгү бир нерсе аны кыйнап туруп алды: "Куурап өлгөн нокотек, курама темир курч болот деп өткүрүн кара, тирүү турганымда сага кайгыдан башка көрсөтпөйм, эч болбосо өзүм менен ала кетем", - деп кекенип алды. Анын жүрөгүндө бир кездеги өкүнүч арманы таркабай кайра кекке айлангандай. Улам жашы өткөн сайын адам деген кечиримдүү болуп, кийинки жашоосун, тиги жашоосун ойлоп кудайдан коркуп калат эмеспи, Зуура болсо күн сайын, жашы улам өйдөлөгөн сайын кайра түбөлүк жашоочудай Ызактан калган бир аз дүнүйөнү кызганып күнү-түнү жаны жай албай жатты. Артур түнөрүп аны менен сүйлөшпөй көпкө жүрдү, бир күнү аны Өскөнбай үйүнө чакырды, кайнатасы Сарыбай дагы билмексен болуп келип калды:

- Байке, - деди Өскөнбай, - Башыма оор күн түштү, өзүм каалап, сүйүп алган жарымдан өз үйүмдөн ажырадым, канат бутак болуп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот деген агам кийинки кездери таанышындай кайдыгер караганы ого бетер жүрөгүмдү оорутту, - Арактан куюп сунду.

- Өскөн мени кечир, Азиманы өлтүрүп кеткенде айылда жок элем, укпай калдым, - деп Артур жер карай кечирим сурады.

- Апам сиздер менен кетти беле?

- Апам… апам ооба биз менен кеткен.

- Мейли, жумушуңуз чыкса барасыз да.

- Артур, ошол күнү мага Сабырбек сени төштөгү сарайда эс алып жатат, бала-чакасы менен деди го? - Сарыбай Артурду сынай карады.

- Кайсы? - Артур көздөрү чакчая карап калды.

- Төштөгү сарайда жашаган Сабырбекчи?

- Жок-жок, алардыкына мурда барганбыз, - Алдастап калды, Сарыбай аны байкап акырын ага байкатпай көзүн кысып койду.

- Ал батага келип кеткен, көчөдөн угуп калып келиптир.

- Кызык, андай болушу мүмкүн эмес, андан мурун барганбыз, - деп отурган жеринен козголуп, кайра отура калып, тизээлей калып тынчы кетип калды.

- Макул байке, жакшы сөз айтып, кубат берчү адамдар бар экен, сиз болгондо алып калмак белеңиз, болгону сизди мен жөлөк кылып алыпмын, эч ичинен издегеним сиз болдуңуз. - Өскөнбай жер карап бир аз турду да бөтөлкөдөгү арактан куюп жылдырды, - Башка салса баарын пенде көтөрбөскө аргабыз жок экен, Сааданын апам каякка кетти, качан келет деген суроосунан жүрөгүм сыйрылып жүрүп өмүрдөн өтөм го?! - дегенде Артур стаканды көтөрүп ийип кайра жерге койду:

- Өскөн, ошондо үйдө болбой калганым үчүн кечир, ырас жаныңда болсом болмок, тагдыр экен күтүүсүз окуя болду, ким ойлоптур ушундай болуп кетет деп.

- Кээде бир туугандардын ичинен деле чыгат, бири-бирине каршы чыгып көрө албаганы, ага караганда силер ынтымактуусуңар, кечээ күнү кудагый болуп дагы кеч келгениңер мага эмес элге жакпай калды, - деп Сарыбай айтты.

- Кечир, мен малдарды кыдырып кетип калдым эле, мени күтүп чогуу барабыз деп күтүп отура беришиптир, - деп дагы уялгандай кызара түшүп аракты жутуп ийди, - Баса кылмышкерлерди издеп жатабы?

- Ооба, Карабай өлгөн жерден бир белгилерди табышыптыр!

- Кандай белги? - Артур ыргып кетти.

- Аны өздөрү билет го, кийин айтабыз деди, изилдеп жатышат.

- Ошондой экен да, кандай белги болду экен, ким болду экен алар? - деп ойлуу карап экөөнү алмак-салмак көз жүгүртө суроолуу тигилди.

- Ким билет, жакындап калды окшойт, кылмышкер алыстан келген эмес, ушул эле айылдан го, акыры табылат кайда бармак эле, атууга суранат элем, - деди Сарыбай каңырыгы түтөй стакандагыны жутуп ийип.

- Мен өзүм эле Азиманы кандай өлтүрсө дал ошондой кылып өлтүрмөкмүн, - Өскөнбай муштумун түйө жаак эттерин түйүлтө өңү түктөйө калганда Артурдун жүрөгү болк этип кетти, - Изин жашырган күндө дагы акыры табылат ата, жаш өмүрлөрдү кыйган неме жарып кетмек беле, кан куткарбайт деген сөз бар, бекер айтылбаса керек, - дегенде Артур аракты алып өзү куюп жутуп жиберди, анын ал-акыбалын, кандай өзгөрүү болуп жатканын сезип эле турушту, бирок бул далил эмес эле, токтоолук менен дагы сынамак болуп отура беришти. Өскөнбай эшикке чыгып барып көптө келди, Сарыбай Артурдун жанында отурганда дембе-дем ичип жатканын байкап көрүп турду: "Демек катышы бар, бул күнөөлүү экени белгилүү", - деп ойлонуп Өскөнбай келгенде ага эчтеке дебеди: "Кокус дагы бирдеме десем кызуу кандуу неме бирдеме кылып койбосун, дагы байкайлы", - деп ойлоду да дагы бир бөтөлкө арак бузду, Өскөнбай менен Сарыбай анча ичпеди, улам бир сөз айтылганда эле алапайын табалбай арактан жутуп ийип жатты Артур. Абдан мас болуп калганда түн катып Рая улуу баласын ээрчитип келип калды:

- Ушунча ичиресиңби бала, эртең жумушуна барат да.

- Жеңе, инисинин кайгысы агасыныкы эмеспи, өлүк чыкканда жок болуп жаныңда боло албадым деп кайгырып отурат байкем, мас деле эмес, - деди Өскөнбай, - Андан көрө жеңе бизге тамак жасап берип кетиңизчи, мен таптакыр жасаганга көнө албадым, Азима өзү эле жасачу…

- Макул-макул, жасап берейин, Артур кечиккенинен эле келе калбадымбы, - Рая унчукпай ашканага кирди.

- Байкем бөтөн жерде эмес го, өзү өсүп чоңойгон үйдө, ушул мага азап алып келээрин билсем келмек эмесмин, атамдын сөзүн кыя албай калбадымбы? - дегенде Рая дагы селт этип алды, ашкана үйгө алар отурган бөлмө бет маңдай болгондуктан сөздөрү угулуп турчу, - Ата сөзүн аткарам деп арманга батып отурам ата, ушул үйдү бирөөгө керек болсо өлүм-чакырбай эле бермекмин, өмүрлүк жубайымдан артык болуп кетиптирби, ачык эле сураса болмок да, - деп күйүттүн түтүнү жүрөгүн өрттөгөн Өскөнбай өчөшкөнсүп, баарын билип туруп айтып жаткандай сезилди Раяга: "Билип калган окшойт, эми эмне болот, шүмшүк кемпирди үйдөн кууп чыгарбасам элеби, өз баласы болбосо ага баары бир да, кылмышка түртүп коюп сыр билгизбей жатканын, сени шашпа таң атпай кууп чыгамын сени", - деп Зуураны жек көрүп жатты. Тамак жасап алардын алдына коюп, өзү да отурду:

- Артур, тамактан ичип алчы.

- Оо, жеңемдин мындай ширин тамагын канчадан бери иче элек элем, - Өскөнбай тамакты тамшана ууртап койду.

- Өс-Өс-скөн, - Артур сөөмөйүн чычайтты, - Бир-р адам га-гана экө-өбүз-здү ббө-өлү-үп ж-жат-ат, - деди да төгүп чачып тамак ичкен болуп жатты.

- Артур, жүрү кетеличи, - Рая Артурду булкулдатты.

- Ата, жүр кетебиз, - деп Добул дагы бир жагынан булкту.

- Мм-ен, эч жа-ак-ка к-кетпейм, - Артур шалак этип ошол эле жерге жатып калды.

- Тим кой жеңе, өзү өскөн үй, жатып алсын, кыйнабай эле коюңуз.

- Мейли анда биз кете берели.

- Сиз деле калып калыңыз, апамдын жанында Кабыл бар да.

- Ооба, кетип эле калалычы, - деп ыңгайсыздана карады.

- Сиз ушул үйгө келин болуп келдиңиз эле жеңе, бат эле чоочун боло түштүңөрбү, же бул үйдү бизге бербеди деген таарыныч барбы? - Өскөнбай сырдуу жылмая, кызуу абалында Раяга кайрылды.

- Жо-ок ай бала, эмнеге таарынат элек, үстүбүзгө үй алып берди, атама ыраазы элебиз, иштеген иши да жаман эмес, нааразы болууга акыбыз жок бала, - Рая күлгөн болду.

- Жеңе, кайгым оор, орду толгус арманга баттым, менин Саадам томсоруп энесиз калды, - Өскөнбай ылдый карап кетти, көзүнүн жашы мончоктоп тып-тып этип жерге тамып жатты, - Азимамды жоготтум, болгондо дагы жанын кыйнап алыптыр, ошол жан алгычты көрсөм… Ошол канкорду колума тийгизсем дал ошондой кылып өзүн өлтүрөт элем, - Шолоктоп кыйлап жатты, муңканып жатты, башын жерге салган Сарыбай дагы ыйлап отурду. Рая унчуга албай дел болуп өз ою менен алпурушуп: "Бул шекшип жатабы же билип калганбы, Артур камалып кетсе кантебиз, жезкемпирди жоготпосок бизди балээге кабылтат, болбосо бул экөө бир туугандай эле мамиледе жүрө бербейт беле, чынында жапжаш Азимага да убал болбодубу, кайгырып кан жутуп турганда бул кейпи менен өлтүрүп коюшу мүмкүн", - деп Артурду кайтарып жатмак болду. Бир кезде Сарыбай бөлөк бөлмөгө жатмак болуп кеткенде Өскөнбай өздөрү жатчу бөлмөгө кирип жатып калды. Эртең менен турса Артур уктап жатыптыр, Рая диванда баласы төркү бөлмөдөгү диванда жаткан экен. Унчукпай сыртка чыгып кетип жуунуп кайра кирди, башы сынып турган, кайра туруп дүкөнгө жөнөдү, кайнатасын дагы ойлонду, эки бөтөлкө алып кирип келе жатканда Сарыбай сыртка чыгып келе жаткан экен.

- Дагы алып келдиңби балам?

- Баштар сынып калыптыр да ата.

- Курусунчу баш, - Сарыбай ажаткананы көздөй басып кетти.

- Байке туруңуз, башты оңдоп алалы, - деп төркү бөлмөдөн Артурду тургузмак болгондо Рая тура калды:

- Бала, аны тим кой, жумушунан куулуп калбасын.

- Директор ичпейт бекен, байкем ушул бойдон барса болбойт, - деп болбой тургузуп, кечкиден калган тамакты газга коюп өзү ысытып жатканда Рая уялганынан туруп келип дасторкон жайды. Кайрадан үчөө баш жазып отурушту. Рая шаштырып Артурду эки куюм ичкенден кийин болбой алып кетти, алар кеткенден кийин Өскөнбай кайнатасын карады:

- Ата, мен бир нерсени сездим, сизчи? - деди.

- Мен баарын эле билдим, бул баш кесердин өзү балам, биз акырындык менен изине түштүк, эми табабыз, - Сарыбай көп ишчү эмес, азыр алып ийди да, - Кагылайын кызымдын жанын чыркыратып алган неменин жанын өзүм алсам го? - деп алды.

- Көрөбүз, канчага чейин билгизбей зымпыяр экен, баса айтканын уктуңузбу, бизди бир гана адам бөлүп жатат дегенин.

- Уктум, ал кимди айтты дейсиң?

- Ал апам гана болушу мүмкүн.

- Пайгамбар жашына барганда экөөңөргө чагым кылса кудай ага көрсөтөт, көрүндө өкүрөт го?

- Ошондой аял, атам менен уруша берчү, ушул үйдү мага калтырам дегенде жаман болгон эле, көрсө Артурду ошол бурап жаткан экен, бирок карынын кебине көнгүдөй жаш эмес го, кантип кылмыш кылууга дити барат, ишенбей да кетем, көзүм жетпейт Артурдун ошого барышына.

- Адамдын колунан баарын күтүүгө болот Өскөн.

- Балким.

- Кой, апаң сары санаа болуп жаткандыр, мен барайын, - деди Сарыбай обдула, - Үйдөн кууп чыкпасын.

- Мейли ата, барсаңыз барыңыз, мен үйдө эле болоюн, - Өскөнбай каңырыгы түтөй кайнатасын короодон тайсалдап узатып чыкты.

- Жалгыз сага дагы кыйын болду.

- Башка салса байтал жорго, Сааданы өөп коюңуз.

- Жарайт, келип турабыз, - Сарыбай короодон чыкты, анын дагы өзүнүн машинасы бар, отурду да жөнөп кетти. Өскөнбай артына кайрылып короонун ортосунда шалдая туруп калды, ушул үй көзүнө суук көрүнүп кетти, негедир ал дароо басып кеткиси келди, күзгү убак болгондуктан алма бактын бариктери эшиктин алдына чейин шамал менен келип чар жайыт чачылып жатат, кышкы алма сабагында мөлтүрөйт, аны үзүп алууну ойлогон эч ким жок, кеч күзгө чейин ошол алманы жылда Зуура үздүрүп ящиктерге салып катып коюшчу. Эми ошол алмалар топ-топ этип кээси жерге түшүп жаткан кези, Өскөнбай бак жакка басты, туш келди басып короо ичинде жүрө берди, жалгыз үйгө киргиси да келген жок. Ушундай көңүлсүз, кайгы-капа менен далай күндөрү ичип алчу болду, антпесе уйгу-туйгу ойлор аны таптакыр тынч алдырбай уйкусу качып калган. Арадан үч ай өткөндө суук түшүп, кар жаап калганда Өскөнбай Сааданы алып келип алды, кирип-чыгып эрмек болуп алаксый түштү. Баягыдай апам кана дебей унута түшкөн, кээде гана эсине келгенде сурап калат, андайда Өскөнбай ага жооп берип калат:

- Апаң өтө алыста кызым, ал азыр келбейт.

- Эмнеге алыска кеткен ата?

- Иштери көп.

- Аа-а, - деп кайра алаксып калат, - Ата алма жей берсем болобу?

- Жей кой садага, сени жейт деп үзүп салып койгомун да.

- Апама дагы калтырабызбы?

- Ооба кызым.

- Таятамдыкына баралычы ата.

- Эмнеге кызым?

- Аякта деген Алина бар да, ойнойт болчумун.

- Эртең барасың.

- Азырчы?

- Мен жалгыз корком да.

- Чоң киши дагы коркобу?

- Ананчы, чоң киши деле коркот.

- Иий да, анда барбай эле коеюн ээ?

- Ошент кызым, сен менин жүрөгүмсүң да, - Өскөнбай дили таза, дүйнөсү кенен наристе күлкүсү заматта көңүлүн ачып койгонуна кубана карады.

- Жүрөк эмне?

- Биерде, - Өскөнбай көкүрөгүн колун баса көрсөттү, - Сен менин ушул жеримдесиң да, абдан жакшы көрөм жан кызым, - Бооруна кысып чекесинен өптү.

- Менин дагы жүрөгүм сенсиң анда, - Эркелей күлүп ийди Саада.

- Биз бири-бирибизге жүрөк болобуз да, - Экөө көпкө кобурашып отуруп Сааданын уйкусу келгенде аны жаткырып коюп өзү дагы кыңкайды: "Байкушум ай, эмдигиче кандай болуп калдың экен, мен сени унута албай азап чегип жатам, кызың дагы сени сурай берип зээнди кейитет, кантип сени өлдү деп ага айта алам, сени өлдү деп айтууга дегеле оозум барбайт", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Көзүн ачса сыртка жарык кирип калыптыр, Саада дагы эле быйпыйып уктап жатат, ачынып алган экен, анын үстүн жаап коюп эшикке чыкты: "Быйылкы кышты сенсиз өткөрө турган болдум, жаныма Сааданы калтырып кеткениңе рахмат, ал болбосо жинди болуп кетет белем, шүгүр ушуга дагы", - деп керилип алып ажатканага жөнөдү. Көптө келди, жуунуп алып чай коюп жалгыздыктын кучагына оронгон армандуу күндөрүнө аргасыз сүңгүмөк болгондо дарбаза такылдады, ыргылжың боло: "Ким болуп кетти, азандан келген", - деп дарбазасына жетип ачып жиберди эле маңдайында бирге окуган классташы Нуржан аялы менен турду:

- Өскө кандай, кайгыңды тең бөлүшөм, - деп кучак жая көрүштү.

- Рахмат Нуке, качан келдиңер? - деп үйгө баштады.

- Түндөп келдик, мен эчтеке укпаптырмын, жаман болгон тура.

- Ошондой болуп кетти, - Өскөнбай үйдүн каалгасын ачып кол жаңсады, - Киргиле үйгө, - Туура эле төркү бөлмөгө баштап кирди.

- Жалгызсыңбы?

- Кызым бар.

- Жакшы, кызың канчада?

- Беш жашта.

- Эрмек экен да, - Төрдөн орун алышты, - Бул аяшың, таанышып койгула Элвира, бул менин классташым, жана досум.

- Өскөнбай.

- Элвира.

- Жакшы экен аяш, отуруп тургула чай коеюн, - Өскөнбай сырткы бөлмөгө чыкты, чай тамагын жылытып эптеп олдоксон кыймыл менен дасторкон жайды. Аны байкаган Элвира тура калды:

- Мен жардам берейинчи Өскөнбай.

- Жо-жок, сен менин коногумсуң да, - Өскөнбай болбой койду, чайын алып келди да ысып калган кечки тамагын алып келип куюп алды-алдына жылдырды.

- Убара болдуң да дос, куран окутуп, көз көрсөтөлү, - деп келдик, укканда мурун эле келмекпиз.

- Түшүнөм, ушу келгениңе дагы рахмат, келгиле чайдан ичкиле.

- Өзүң куран окуп кой эми, - дегенде алып келгендерин алып чыкты Элвира.

- Ау-узу бил-лахи, - Өскөнбай сыртынан окуп баратканда үнү каргылдана кайра ичинен окуп, - Сарыбай кызы Азиманын сообуна багыштадым, - деп алакан жайып баратып да көзүнөн жаш эрксиз тамып кетти.

- Кайрат кыл Өскө, кырсык каш кабактын ортосунда деген чын да, арга канча көтөрбөскө чараң жок.

- Ошондой экен да, болбосо мындай болуп кетээрин ким ойлоптур?

- Тагдыр-пешене дегенден качып кутула албайсың.

- Ошондой экен, - Бир азга унчукпай калышты, Нуржан акырын бөтөлкө алып чыкты:

- Кел эми дос, куран окугандан кийин чыгарайын дедим, бул өзү ачуу болсо да таттуу сөздөрдү чыгарат экен, көңүлүңдү аз да болсо көтөрүп коелу дедик, аяшың менен дагы тааныша элексиң, эми жакшылап таанышкыла, - деди эле Өскөнбай туруп барып стакан алып келди.

- Кээде ушуну эрмек кыла коюп буга дагы көрүп кете жаздадым, - деп Өскөнбай күлдү, - Бул күйүт жаман экен, атам өлгөндө бир кайгыргам, чынын айтсам мынчалык эмес, жаш анан дагы киши колдуу болгону күйгүзөт да, түнү-күнү дебей уйку качып калбадыбы?

- Анан эмне, айла жок да, - Нуржан стакандарга арактан куюп үчөөнүн алдына койду, - Кел эми Өске, арты кайрылуу болсун, - Ошол убакта Сааданын ыйлаган үнүн угуп Өскөнбай туруп кызы жаткан бөлмөгө жетти:

- Кызым, ойгондуңбу кызым?

- Ооба-а, - Көздөрүн уйпалаган Саада атасына бой урду, - Сен мени таштап кайда кеттиң?

- Конок бар, акырын сүйлөшөлү.

- Конок?

- Ооба, сендей эле балдары бар экен.

- Кана, ал мени менен ойнойбу?

- Ойнойт, сен ыйлабай бетиңди жуу макулбу, анан конокторго киребиз ээ?

- Ооба, - Саада тил алып атасын ээрчий сыртка чыкты, Өскөнбай бети-колун жууп анан ичке алып кирди, - Мына биздин сулуу кызыбыз, - деп Азима бардагыдай эле жаадырай кирди.

- Оо Өскемдин кызы сулуу кыз тура, келе гой, - Нуржан ага эки колун созду.

- Аний, балдары бар дебеди беле, мен ойноюн дегем да, - Саада атасына сүйөнө артка кетээнчиктеди, - Ата, кана балдары, кетип калдыбы?

- Үйүнө кеткен тура, - деп Өскөнбай байкабай алдап алганын сезди.

- Келе гой, балдарыма алып барып ойнотом сени, - деди Элвира кызды эркелете, - Кел мага, келе гой.

- Менин апам сизге окшош, сиз аны көргөн жоксузбу? - деп Саада Элвирага жакындады, тигил үчөө бири-бирин тиктеп туруп калды, баланын наристе сезимине энелик мээрим келе түштүбү Элвирага жакын келди, - Сиз апамды көргөн жоксузбу, ал тээ алыста, келбей жатпайбы? - Көздөрү үмүттүү тигиле анын маңдайына келди, - Сиз алыстан келдиңизби?

- Ооба кызым, апаң алыста жүрөт, сен жакшы кыз болуп чоңойсоң анан келип калат ээ? - Элвира кызды кучактап эки бетинен өпкөндө ал дагы мойнуна асылды.

- Апамды сагындым, ал эмнеге келбейт, сиз менен барсам болобу? - Соолуктап ыйлап жатып сүйлөгөн сөзүнө Өскөнбай дагы токтоно албай көз жашын куюлта сыртка чыгып кетти, Нуржан анын артынан чыкты, Элвира кызды сооротуп, конфеттен берди:

- Буларды апаң берип ийген, сени ыйлабай жүрсүн, чоңойгондо барам деген Саада, сен эстүү кыз турбайсыңбы?

- Ооба, мен ыйлабайм, апам келгенче ыйлабайм ээ, ал мени сурадыбы?

- Сени сурады, ыйлабай жакшы кыз болсун деди.

- Анда такыр ыйлабайм, апам келгенче күтүп ыйлабай жүрөм ээ, - деп Саада балалык сезиминде чындап эле апасы келип калчудай болуп жатты, сыртта Нуржан Өскөнбайды жубатып жаткан, ал ары жакка басып Байтурдун үйүн карады, Камчыдан кийинки баласы Тайчы эшиктин алдында жүргөн экен аны чакырып алды, ал ага басып келди эле?

- Мыскал жеңемди чакырчы, - деди ага.

- Макул, - деп Тайчы кайра нары көздөй үйүнө кетти.

- Өске көп эле кайгырба, баланы көрүп ого бетер эзиле бересиң, аны өзүңдү алаксытыш үчүн таенелерине берип шаарга барып кел, көңүлүңдү көтөрүп өткөндү унутууга аракет кылбасаң отузга чыкпай жинди болуп кетпейсиңби, мына жыйырма тогузга эми чыктык дос, өзүңө дагы кара.

- Ээ досум, ооруп өлсө да мейли эле, эми эле күлүп-жайнап жакшынакай турган адамдан айрылуу өтө кыйын экен, боюнда бар болчу, эки баш бирдей кетпедиби, убалы уктатпас ээ? - Үнү каргылдана мууну бошой түштү, - Байкушум көзү ачык кетпедиби, жыйырма жетиге чыкмак, уул төрөп берем дечү эле.

- Кайгыра бербе досум, бул дагы болсо жазмыш.

- Өскөн, чакырдың беле? - Мыскал келип суроолуу тигилди.

- Ооба жеңе, үйгө конок келди, бирдеме жасай коюңузчу.

- Макул, бая эле айтсаң болмок экен, - Мыскал өз ишине киришмек болуп ичкери кирди.

- Мыскал жеңе, Сааданы Тайчы ойнотуп турсун, алып барып келесизби?

- Макул, - деп Мыскал кайра ички бөлмөгө кирип Элвиранын алдында отурган Сааданы колуна алды, - Жүрө гой, Тайчы байкеңе барчы ойнотот.

- Аний, мен апамдын жанында отургум келип жатат, - деп Элвирага бой таштады, Мыскал эмне кылаарын билбей калды.

- Тим эле коюңузчу, менин алдымда отура берсин.

- Мейли, ойногуң келсе мага айт ээ Саада, - деп кайра чыкты, балалык оюнда апаң конфет берип ийди десе аны өзүнүн апасындай көрүп имериле түшкөн эле, анын үстүнө Элвира ага апасындай көрүнүп туруп алган эле.

Нуржан менен Өскөнбай ичке киришти, Мыскал дасторкондун үстүн толтуруп, кайра жасап ысык чай куюп алып келди, Өскөнбай аяш атасынын кызына ичинен ыраазы болуп отурду. Азима өлгөндөн бери ушул үйдө, күнү-түнү батачылар келсе тамак ашын даярдап жүргөнү жүргөн.

- Кел эми Өске, кайгыңды угуп чыдай албай келдик, бирок кеч уктум, угуп эле жөнөдүм, башыңа оор иш түшүптүр, кызыңдын татыктуу атасы болуп, эми ушул кыз үчүн жашашың керек, али алдыда канча жолдор бар, өңгүл-дөңгүл жолдордон мүдүрүлбөй жашоонун даңгыр жолуна түш, - Нуржан стаканды көтөрдү, Элвира дагы Өскөнбайды карады:

- Эми аяш, кайгы адамдын сыноосу, сен жоготуунун азабын жашыңда тартып отурасың, бул күндөрүң дагы өтүп жакшы күндөр келет, таштак жолдо ташыркабай баарын жеңээрине ишенем, мындан аркы күндөрүң жалаң жакшылыктар менен коштолсун, Сааданы жетим дедирбей өстүр, сенин бактың ошол кызыңда, ушуну ата-эненин бактысы болгон балдар үчүн алалы, - деп стаканды кагыштырып койду, үчөө тең алып жиберди.

- Рахмат досум, рахмат аяш, силерге ыраазымын, ушундайда жакшы сөзүн айтып жаныңда болгон адам кудайыңдай эле көрүнөт экен, өзүңөргө да бактылуулук каалайм, - деп Өскөнбай каңырыгы түтөй отуруп калды. Алар дагы көпкө отурушту, муңайып алган жарын эскерип жаткан теңтушун таштап кете албай отурганда Мыскал үймөлөнгөн пловду чоң табака көтөрүп кирип, устукандарын башка табака салып алып келди.

- Эми мен кете берейин, анан кайра келем, - деди Мыскал Өскөнбайга.

- Байтур байкемди чакырып ийиңизчи.

- Макул, - деди да тамактан салып алып чыгып кетти, деги эле качан болсо бул үйдө тамак-аш болгондо өзү билип алып кетчү, барып Байтурду жөнөттү, ал кирип келип Нуржан менен учурашты, ал Нуржандын өзүнүн жакын тууганынын баласы экенин билчү, экөө тең бири-бирин билген менен тууган экенин ачык айтып сүйлөшө элек.

- Кандай балдар, теңтушчулук дагы жакшы, ушундайда жакшы сөз айыккыс дартка даба болгондой эле кеп, - деп отуруп жатып Өскөнбайга кайрылды, - Эми көп эле кайгыра бербе Өскөн, сени көрүп туруп Мыскал экөөбүз дагы жаман болуп кетебиз.

- Байке, оор жоготууну көтөрүү кыйын экен да.

- Баса Артурлар кечээ шаарга көчүп кетиптир го? - деди Байтур маңыроо.

- Эмнеге шаарга байке?

- Кайдан билем, эч кимге айтпай дебей апасын ала кетиптир да.

- Мейли, өзүнө жакканын кылсын.

- Машинасын милициялар барып дөңгөлөктөрүн сүрөткө тартыптыр.

- Эмнеге?

- Билбейм, уруша кеткен имиш.

- Кызык, - деп койду Өскөнбай, - Артур байкемди канчалык дем кылчу элем, ушул оор күндөрүмдө бир келип көңүлүмдү көтөргөн жок, - Оор күрсүнө улутунуп алды, - Анын кандай ойдо экенин билбедим.

- Ага эмне кайгырасың дос, баары бир бөлөк деген бөлөк да, сага ал бир туугандай болмок беле? - Нуржан Өскөнбайды карады, - Өз бир тууганың болбогондон кийин ошол да, андан көрө өзүңө кудай кубат берсин.

- Туура айтасың, мени аны өзүмдөй көрүп эле байкелеп жүрбөйүнбү, өлгөндө дагы жок болду, койгондон кийин кайдыгер адамча келип кетип калбадыбы, кыркын өткөрүп жатканда дагы ошентти, ич муздап калат экен.

- Ээ иним, адам ар түрдүү жаралат экен, - деди Байтур, - Зуура таежем жез кемпирдей болуп аны элден чыгарды, анын өзүнчө аалеми бар ичинде, жездемден калган дүнүйөнү өзү ээлегиси келген, бирок сага берип койгондо жинди боло жаздабадыбы?

- Мен алардан талаштымбы, апам менин колумда болсо болбойт беле, ал өгөйлүк кылса да мен апа дегенимден жазган жок элем.

- Ошону билбейт Өскөн, ошол аялдан сак бол!

- Эмнеге? - Өскөнбай Байтурду карады.

- Анын колунан баары келет, - Байтур жер карап калды.

- Койгула, алардын кылык-жоругу өздөрү менен кетсин, сенин оокатың өзүңдө, жашооң кудайга шүгүр, келбесе ага жалдырамак белең, келгиле Өскеме мындан ары жалаң жакшылыкты каалайбыз, - деп Нуржан стаканды көтөргөндө беркилер да көтөрдү, бөтөлкө бошоп калган, Өскөнбай Байтурду карап ымдап койду эле ал чыгып кетип көптөн кийин кайра эки бөтөлкө арак алып кирди. Ошол убакта Сарыбай баш багып Өскөнбайды сыртка чакырды:

- Эмне болду ата? - Өскөнбай чыга калып суроолуу тигилди.

- Сөз бар, биякка басчы, - Үйдү айлана басты.

- Тынччылыкпы деги?

- Тынч болмок кайда, бактагы машинанын изи Артурдуку экен, ал жанагы адамды өлтүргөн имиш, бирок эмнеге?

- Кызык, өзү менен өзү, кардын зорго тойгузуп жүргөн адамды ал эмнеге өлтүрөт, кайсы күнөөсү үчүн, болгондо дагы айылдын четиндеги бак ичинде, - Өскөнбай ойлуу туруп калды.

- Андан дагы кызыгы Азиманы өлтүрүп кеткен түнү болуп жатпайбы?

- Бул жерде бир сыр бар экен анда, милиция эмне деди?

- Алар анык далил боло албайт дейт, куралдын жогуна ишене албайт, эмне менен чапканы белгисиз, ишти абдан аяр, тыкан жасаган, бир шек билгизбей кылганын карачы.

- Эмне кылыш керек анда?

- Билбейм, Артур шаарга көчүп кетип калыптыр, бүгүн ошол өлгөн адамдын кийимдерин таптырам деди, чечип коюп көмгөндө үстүндөгү пальтосун ямага салышкан экен да, тууган-уругу табылып калабы деп сакташат тура, - деп Сарыбай шашпай, жай айтып жатты, - Эгерде ошол пальтосунан бирдеме табылып калаар.

- Андай болсо кана, - Өскөнбай ойлуу жер карап көпкө турду да, - Ата, жүрүңүз үйгө кирели, кылмыштын изи анча мынча табылгансып калды, буйруса аларды ким болсо дагы өзүбүз жазалайбыз, - деп кайнатасын далыдан таптай ичкери киргизип артынан өзү келди.

- Келиңиз Сарыбай байке, - Байтур менен Нуржан тура калып орун бошотушту, баятан бери унчукпай тамак ичип отурган Саада таятасына эркелей кетти, аны ээрчитип Элвира сыртка чыгып кетти. Отуруп бакылдаша дагы эки бөтөлкөнү түгөткөн соң коштошуп Нуржан менен Элвира үйүнө кетти, Сарыбай, Байтур менен Өскөнбай үчөө көпкө сүйлөшүштү, Артур жөнүндөгү сөздү укканда Байтур таңгалды, инисинин андай ишке барган-барбагынан билбей ичинен кыжаалат болуп үйүнө келди. Ал бир аз кызуу, Артурду эстеп, Ызак менен Зууранын колуна келгендегисин эстеп: "Жо-ок иним, сен андай ишке барбашың керек, жакшы адамдын тузун татып өстүң эле.

- Сага эмне болду Байтур? - деп ага Мыскал суроолуу тигилди.

- Эчтеке, ичкенге башым ооруп турат.

- Үйгө кирип эс ал анда.

- Малга чөп салып кой дечи балдарды.

- Ма-акул, эс ала бер, Сааданы алып келейин дедим эле.

- Ой аны эмне кыласың, анын таятасы келген, - Байтур өзүнчө жашоого өчү бардай шуу үшкүрүп алды, - Бизде жок дегенде таята таене болбогонун көрчү, ушинтип туугандан алыстап, бир тууганымдан жат болбос элем, - деп күңгүрөнө ичке кирип жатып калды, деги эле Байтурдун туугандары ушунча жыл бою эки баланын Ызактын колунда чоңоюп жатканын билсе дагы билмексен болуп катташчу эмес, Артур мал доктур болуп калганда ага таанышып, үйлөрүнө чакырып керек болгондо аны бир тууганбыз дей баштаган, Байтурдун эптеп өз оокатын өткөрүп жатканын билсе да билмексен болуп келип коюшкан эмес эле. Эми Артурдун шаарга бир ооз айтпай кеткенине ичинен нааразы болгону менен Азиманын өлгөнүнө тиешеси бар дегенди угуп жаман абалда болуп жатты: "Жылаандай энеңдин кебине киргенсиң го маң баш, өз энең ошону кылмак беле, ага алып келип берип бекер кылган экенмин, ал менден дагы жат кылды", - деп ойлонуп жаткан жеринде да тынч жата албай Артурга жолугуп ачык сүйлөшкүсү келип турду, бирок анын эми көзүнө көрүнбөсүн анык сезди. . .

Өскөнбай Сааданы кайнатасына кошуп берип Нуржан менен кеңешип шаарга кетмек болду, кассага салган акчасынан кабар алды да калган малын сатып болгондо Байтурда беш эчки, беш кой, бир музоолуу уй калды, өзүнүн эмгегине калган мал эле, кетээринде Өскөнбай:

- Байке, мага капа болбоңуз, сизде эч нерсем жок, ушул үй жайда жашай бергиле, менин чоң ата, чоң энем жашаган там экен, аны мага атам айткан, - деди да короону айлана басып, чегин бөлүп көрсөтүп берди, - Менчигиңиз болсун, бөлүп алыңыз, балдарыңыз чоңойгуча бул жерге үй салып берсеңиз болот, биягына тал-дарак, алма-бак тигип коюңуз, сиздин жакшылыгыңызды унутпайм.

- Ыраазымын Өскөн, Ызак жездем деле мени нааразы кылган эмес, сага сөөгүм ыраазы иним, жамандык көрбө айланайын, мына кыркка жашым келгенче туугандарымдын деле бири кайрылган жок, - деп Байтур кубанып кетти, - Мени өз бир тууганыңдай көрүп энчи бергениңе ыраазымын!

- Эчтеке эмес, жалгыздыгым чучугумду көзөгөн арман болду, сиздин мага жасаган мамилеңиз, малды карегиңиздей карап баккан эмгегиңиз, сиз бул үчүн эмгек кылдыңыз, эми айтаарым менин үйүмдү карап, чаң бастырбай тургула жеңе, үйдүн ачкычы силерде болсун, муздаткычтагы эт-ашты алып жеп койгула, жарыкты өчүрбөй адам жашагандай болуп турсун, антпесе ким билет, түндөп жорткон кара ниеттер өрттөп же тоноп кетпесин, - деди катуу дайындап, - Балким ошол үйдө жашай бергиле, биякта да аякта дагы болгонуңар жакшы.

- Макул, балдар кирип-чыгып турат, көпкө кетесиңби?

- Жылдап жүрөм го?

- Кам санаба Өскөн, көзүмдүн карегиндей сактаймын, Мыскал өзү дагы жууп-тазалап турат, өзүң бардагыдай карайбыз, - деп Байтур ага шыпылдап чын дилинен айтып жатты. Өскөнбай коштошуп үйүнө келди дагы документтерин алып жатып Азима экөөнүн түшкөн сүрөтүн көрүп көпкө карап, сүрөттү колу менен сылай: "Ази, мен сени кантип унутам, сени узак жакка кеткендей жарк этип күлүп кирип келчүдөй сезип түңүлө албай койдум, өлгөнүңдү билсем деле ишенбейм, деги бир жолу түшүмө дагы кирбей койдуң алтыным, капкараңгы көрдүн ичинде муздак топуракты жазданып жатып калганыңды билсем да сени келип калчудай үмүттөнө берем", - деп көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп отура берди. Адам баласы бул өмүргө өкүнүү үчүн же күлүп өтүш үчүн келеби?

Жок, менде бул жарыкчылыктын кызыгына батып бактылуу болуш үчүн да, жакынын жоготуп арманга батып, жашоонун кызыгын сезбей, өмүрдөн өксүп өтүү үчүн да келбейт. Болгону пенде тирүүлүктүн бар экенин сезүү үчүн, тирүүлүктүн өзү бакыт экенин билүү үчүн келет. Бирок арманды, күйүттү, ошол эле пенде бирине-бири кайгы касиретти алып келип, дүйнөнүн тазалыгын булгап, жер энени канга боем, бей күнөө жандарды өлтүрүп жатышпайбы, Өскөнбай дээринен дили таза, эч нерсе аянбаган, боорукер пейили кенен жигит Азиманы унутуу ага өтө кыйын болду, блокнотун алып сүрөттү ага салып алды да үйдөн чыкты. Мыскал сыртта жүргөн ага ачкычты берип анан:

- Жакшы туруңуздар, өзүм кабарлашып турам, - деди.

- Мейли эми, өзүң дагы жакшы жүр.

- Үйдү ээн калтырбаңыздар, - деди да шарт бурулуп басып кетмек болуп дарбазасына жете бергенде алдынан милиция чыкты.

- Ас-салоому Алейкум Өскөнбай байке.

- Алеки Салам, келген экенсиздер.

- Келдик, кылмышка байланыштуу деп Артур байке табылды, бирок аны таппай жатабыз.

- Кандайча?

- Ошол, ал бирөөнү жумшаган, бирок аны кайра өлтүрүп койгон, кылмышты жаап жашыруунун бир гана жолу айгактын көзүн тазалоо болгон, ал өлгөн адам киши өлтүрүп камалган экен, - деп көп болжолдоолорду айтты, - Сиз этият болуңуз, себеби ал сизге дагы кол салышы мүмкүн.

- Анын кайда кеткенинен кабарыңыз барбы?

- Жок, издеп жатабыз.

- Мен шаарга кетип жаттым эле.

- Жок, азырынча эч жакка кетпеңиз, эгер Артурду таап калсак сиз менен беттештирүү керек болот.

- Беттешкенде эмне, эгерде ал кылмышкер болгону ырас болсо өз жазасын алышы керек, үч адамды өлтүргөн адамды атууга берсеңер жакшы болот эле, сураксыз кетсин, - деди Өскөнбай жини келгендей муштумдары, жаак эти түйүлө, - Эгер менин колума тийсе дал Азиманы өлтүргөндөй муунтуп өлтүрөт элем.

- Андай болбойт, кылмышкер мыйзам алдында гана жооп берүүгө тийиш, сиз кылмышкер болуп каласыз да, бир-эки айга чейин эч жакка кетпей туруңуз, жакынкы убактарда колго түшүп калышы мүмкүн, - деди да ал дарбазадан чыгып кетти, Өскөнбай ойлонуп бир ордунда туруп калды, Артурдун акыркы жолуккандагы сөзүн эстеди: "Бизди бир гана адам бузуп жатат", - дегени кулагына жаңырды. Анан чечкиндүү кадам таштады: "Мен аны өзүм табам, министерстводон сураштырып кайсы районго кеткенин издеп тапса болот", - деп ойлоп шаарга Нуржан калтырган дарекке бармак болуп таксиге отурду. Кеч күүгүмдө Нуржандын үйүнө жетип келди, алар жакшы тосуп алып коноктоп отурушту. Эртеси Нуржан экөө айыл-чарба министрлигине келди, Айдаралиев Артурдун кайсы районго кеткенин издеп таба алышпады, ал үч ай жүгүрүп жүрүп фамилиясын өз атасына котортуп алган эле, эч жерден табылбаган соң аргасыздан он беш күн дегенде өзү мектептерге иштемек болду. Бирок анын жаны жай албай тынчы кетип кайра айылга келе берди. Айылдын эли Артурдун кылмышка шектүү экенин угушуп кеп-сөз жүрүп жаткан. Бир даары наала кылса, бир даары жөн гана таңгалып, ага жакын туугандары: "Болсо болот да, ким көрүп коюптур, бакканга жараша бөлүштүргөндө тең болуп койбойт беле", - дешип ал тараптык болуп жатышты. Саада катуу ооруп калыптыр, көрсө Өскөнбай дагы барбай койгондо сагынып куса болгон экен, эти ысып көзүн ачпай жаткан кызына келип үйрүлө калган Өскөнбайдын үнүн угуп көзүн ачкан Саада:

- Ата, сен мени таштабайсың ээ, кайра келдиңби? - дегенде Сарыбай менен Шарапат кубанып кетишти.

- Жок кызым, мен сени таштабайм, эми экөөбүз бирге болобуз ээ? - деп чекесинен өптү Өскөнбай.

- Апам мени таштап кетпедиби, сен таштабачы ата.

- Сени таштабай калайын, сен дарыңды ичсең, анан бир жерге барып келебиз макулбу?

- Каякка? - Башын көтөрө суроолуу тигилди, денесинин ысытмасы көтөрүлгөндөн оозу кеберсип эки бети албырып, демиге карап турду.

- Ошондо айтам, сен бул дарыдан ичсең жакшы болуп каласың, кана менин кызым акылдуу кыз да, - деп Өскөнбай дары ичирди. Саада дары ичпей чыргоолонуп таята-таенесин кыйнап жаткан, эми атасынын сөзүн угуп дары ичкенге алар акырын чыгып кетишти. Өскөнбай кызын көтөрүп үй ичинде аркы-терки басып жүрдү, көптө барып ысытмасы түшүп ойноп калганда Өскөнбай жылуу кийинтип алып айылдын четиндеги мүрзөнү көздөй кетип жатты:

- Ата, каякка барабыз?

- Жеткенде айтам кызым.

- Азырчы, азыр айтпайсыңбы ата?

- Жок кызым, сен унчукпай тур ээ? - деп Өскөнбай мүрзөгө келип Азиманын мүрзөсүнүн четине чөк түшө калып куран окуду. Бозоргон дөбөнү карап көпкө отурду да Сааданы алдына алып:

- Кызым, апаң ушул жерде, эми ал таптакыр келбейт, сен эстүү кызсың да, түшүнөсүң, - деди акырын карап, Саада бала эмеспи бозоргон дөбөнү көпкө карап туруп:

- Эмнеге калп айтасың, апам бул жерге эмнеге жатат? - деди түшүнө бербей.

- Анткени апаң өлдү кызым, ал эми келбейт, аны көп эстей бербе, мен сенин жаныңда болом макулбу?

- Кеттикчи ата, жүрү кетеличи! - деп Саада ыйлап жибергенде дароо көтөрдү да үйүн көздөй жөнөдү, анын келгенин көргөн Байтур ачкычын алып жетип келди.

- Келдиңби Өскөн?

- Ооба, келдик байке.

- Жакшы болбодубу, эки күн мурун бир караан кирип өрт коймок болуп бензин чачып киргенде мен ичинде жаттым эле "Ким" - деп жүгүрүп чыга калсам качып чыгып кетти, дивандарга чачкан экен, аларды күнгө жайып зорго кетирдик, үй ээн деп ойлосо керек, - деп Байтур дагы көп сөздөрдү сүйлөдү:

- Сизге катылган жокпу?

- Жок, үнүмдү угуп эле качып кетти.

- Жүзүн көрө алган жоксузбу?

- Кайдан, мен төркү бөлмөдө элем, жарыкты өчүрүп жаткам күйгүзүп эле оозгу бөлмөгө чыкканча качып кетти.

- Кудай сактаптыр, кокус катылса эмне болот эле? - деп Өскөнбайлар үйгө киришти, - Бул үйгө жашоо кыйын болуп баратат го, бул үйдү сатсак кандай болот байке, тигил үйгө жашай берейин, - деди Өскөнбай аргасы кетип.

- Сатканда арзан кетип калат Өскөн, бул үйгө мен балдарды бүт алып көчүп кирип алайын, буюмдарды бүт төркү эки бөлмөгө киргизип коелу, кылмышкер кармалгандан кийин үйлөнсөң өзүң жашайсың.

- Анда ошондой кылалы, сизге саттым деп коеюн, мага кастарын тиккен неме сиздерге тийише албайт, - деди Өскөнбай кубангандай, бирок оюна бир нерсе келе калды: "Артур келген го, агасынын үнүн таанып, анан чыгып кеткен экен, эгерде мен экенимди билсе өлтүрүүгө катылат беле, демек биерде бир сыр бар, качан кармашат аны", - деп ойлонуп ойлуу отуруп калды. Ошол убакта Саада атасына:

- Ата, өлгөнү эмне, апамды өлдү дедиң го? - деди.

- Ооба кызым, апаңды бирөөлөр өлтүрүп кетпедиби.

- Эмнеге?

- Билбейм, өзүм дагы билбейм.

- Апам таптакыр келбейби?

- Ооба, ал эми келбейт, мен сенин жаныңда болот.

- Ий да, - Саада ойлонуп калды.

- Кызым жакшы кыз, атасын угат, - Байтурду карады, - Байке Мыскал жеңем үйдө беле?

- Ооба, мен барып аны тамак даярдатып келейинчи, - деп сыртка карай жөнөдү, Саадага оюнчуктарын алып берип телевизор койду, ойлору алда-кайда кетип телевизорду караганы менен көз алдында башка нерсе. Көп өтпөй эле Байтур менен Мыскал тамак-ашын көтөрүп келип калды. Чогуу отуруп сүйлөшүп жатып тамактанышты. Байтур Өскөнбай айткандан кийин эле баарын тегеректеп тосуп алган. Аны көргөн Өскөнбай ыраазы болду, мурун кайдыгер мамиле кылып эптеп жашап жүргөн болсо эми үйдүн ичи сыртын оңдогону жатканын айтып отурду, ошондо Өскөнбай:

- Байке, сиздин атаңыздын аты ким эле? - деди.

- Кубанычбек, Кемелбеков Кубатбекович.

- Аа-а, демек Артур аты-жөнүн өзгөрткөн экен.

- Эмнеге?

- Айыл-чарба министрлигинен издетип Айдаралиев Артур Ызакович дегенди таппай койдук, мен Артур байкемдин мага карма-каршы чыгаарын түк ойлобопмун, андан көрө ачык сураса каалганын берет элем го, бөөдө жапжаш адамдарды өлтүрдү, ойлонсо болмок.

- Өскөн, бул жалган болуп жүрбөсүн, балким башка эле бирөө кылган чыгаар, - деп Байтур ага кайрылды.

- Билбейм, бомж болуп жүргөн кишинин ошол өлтүргөнү анык экен, демек аны ошол жумшаган, айгак болуп калат деп кайра аны өзү өлтүргөн деп болжолдоп жатышпайбы, бирок иги-жигин билгизбептир дейт, эгерде ал кылбаса менин кайгымды көрүп туруп өбөк-жөлөк болот эле го, кайдыгер адамдардай кана койгондон кийин келишти, өзүңүз ойлосоңуз, кыркында дагы эртеси келип эле кайра кетип калышты го? - Өскөнбай ызалуу да, ачуулуу да сүйлөп жатты, - Апамчы, ошонун өгөй экенин билгизбей сыйлачу элем, тирүүсүндө Азимага канча асылып жүрдү, ошондо дагы унчуккан эмеспиз, көрүндө өкүрөт го ал, котур ташын койнуна катып Артурду кайрап жаткан дагы ошол болуш керек.

- Ал шүмшүктүн колунан баары келет, сени көтөрүп келгенде бакпайм деп урушуп, Мыскал үч ай баккан, аргасыз үй айдан кийин алып келип алып ошондо деле Мыскал бакчу, иши кылса анын көз карашы сага башынан түз эмес болчу иним.

- Мыскал жеңеме рахмат.

- Чынында апаңдай эле болуп калды, Камчы быйыл отузга чыкты, Тайчы дагы сенден улуу, үйлөнтө албай отурабыз, сени эрте үйлөнттү, ошого жараша алганың аман-эсен болгондо эмне, быйыл эптеп Камчыны күздө үйлөнтсөкпү деп ойлоп жатабыз.

- Үйлөнтүш керек, - деди Өскөнбай ойлуу, - Сүйлөшкөн кызы бар бекен?

- Билбейм, өзү совхоздо иштеп жүрбөйбү, сүйлөшкөнү болсо эми айтат да, сурай элекпиз, Мыскал экөөбүз эле кеңешип жатабыз, Тайчы деле чоңоюп калыптыр көрсө, сен жыйырма сегиздесиң, үчөөңдүн аралыгыңар бир жаштан эле, - деп ойлонуп калды Байтур…

Артур жүгүрүп жүрүп селсоветке арыз жазып жүрүп өз атасына жаздырып күбөлүк алып кайра паспорт алгандан соң шаарга көчүп кетип сакал-мурутун коюп таптакыр өзгөрүп анан паспортко сүрөткө түшкөн. Аны анча-мынчасы тааныбайт деле, кайын журту элдин ушак сөзүн угуп Раядан сураганда ал билмексен боло "калп" деп жооп берип койгон соң унчукпай калышкан. Артур азыр Зуураны укпай калган, ага карабай отуруп алып сүйлөй берет. Жооп бербей сыртка чыгып кетип калат, бозоруп ичинен өкүнүп отуруп калат, башынан эле бир арманы: "Жараткан жок дегенде бир баланы менден аядың, өз балам болгондо минтпейт эле, өзүңдөн чыкпаган бала кеп-сөзүңдү укпайт экен", - деп улутунуп үшкүрүп отуруп Артурга нааразы болуп кетет. Отуруп алып деле өзүнчө сүйлөп, Өскөнбайды каргап шилей берет, бир күнү дагы ошентип жатканда Артур.

- Деги бирөөнө жакшылык кылдың беле өмүрүңдө? - деди ачуусу келе, - Мени бактың, кылмышкер болууга түрттүң, башка бир жакшы жолго салайын деп ойлодуңбу?

- Мен сени окуп адам болсун дегем, ал эмне жаманбы?

- Сен окуткан жоксуң, Ызак атам өзү ээрчитип барып кайсыга окуурумду сурап киргизген, ал болбосо мен койчу болуп калмакмын.

- Ооба, менин жасаганымды билбесеңер көзүңөрдөн чыгаар.

- Мен эс тартканы бир оозуңдан жакшы сөз чыга элек, Байтур менен бир туугандай катыштырган жоксуң, эми жүзүмдү жашырып аты-жөнүмдү өзгөртүп качып жүрөм.

- Качпа, сени ким кач деди, Өскөндү эки бүктөп кое тургансың, коркутуп эле үйдү тартып алсаң болот эле го?

- Кереги жок, ал үй ошого тиешелүү!

- Башы жок десе, колуңдагыны тарттырып ийип жүрө бер, - деп Зуура дале Өскөнбайда өткөн өчү бардай кайрап жатты, андан кийин Артур ишине жөнөмөк болду. Ал азыр Кемелбеков Сардар Кубатбекович болуп толук өзгөртүп алган эле. Шаардын четиндеги Москва районундагы бир совхоздо мал доктур. Анын түрктөргө окшоштуруп койгон калың сакал муртунан улам улуту башка деп ойлошчу. Арадан билинбей эле жылдар агылып өтүп жатты. Артурду, анын кылмышы жөнүндө таптакыр эле унутулуп калган, Добул аскерден келээри менен үйлөнүп алды, Кабыл жаңы аскерге кеткен, Зуура жетимиштен ашса дагы, бели бүкүрөйбөй түптүз басып тың. Ал кийинки кездерди айылга баргысы келе баштаган, бирок Артурга айтуудан айбыгат, Артурду азыр короосунда мал-сал, уй жылкылары бар, бир топ байып калган. Заман өзгөрүлүп балдарын окутуп, өзү бизнеске өтүп кетти, Рая үйдө, Зуура экөө эч жакка чыкпайт. Кабыл аскерден келгенде эки миңинчи жылдын күз айлары болчу, аскерден келип көчөлөп басып жүрүп жолдон эки кызды көрүп басып барып тийише кетти.

- Салам кыздар, кандайсыңар?

- Жакшы.

- Таанышып албайлыбы?

- Таанышуу хоббиңизби?

- Бойдокмун да.

- Биз деле бойдокпуз, бирок таанышууну жактырбайбыз, - Саада курбусун карап күлүп койду, - Чынбы Гүлсара?

- Албетте, биз кетишибиз керек, - деп экөө басып кетмек болгондо Кабыл.

- Атыңарды айтып койгулачы! - деди артынан.

- Атыбыз жок, - деп күлүп коюп кетип калышты, Сааданы Өскөнбай окууга окутуп койгон, чоңойгону ал Азиманын эле өзү болуп бараткан эле. Гүлсара экөө Манас университетинде окуйт, сабактан чыгып кетип жатышкан. Кабыл Сааданы жактырып калды, бирок атын айтпай кеткендерине чөгө түштү: "Мен эмне кыздарга жакпаймынбы, жанагы кыз мага жагып калды, аны кантип табам, эртең кечке ушул жерден күтөм", - деп үйүнө келди.

- Апа, мен үйлөнсөм болобу? - деди кирип келип эле.

- Качан балам?

- Деги быйылчы.

- Атаң келсе сүйлөшүп көрөлү.

- Макул, сиз айтыңыз ээ?

- Ооба, өзүм айтам.

- ?????

- Жообун мага өзүңүз бересизби апа?

- Жарайт балам, - Рая өз иши менен алек болуп жатты.

- Апа, ала качып алсам боло береби?

- Кимди? - Рая чоочуп карады.

- Деги да, мага жаккан кыз болсо…

- Шашылба, атаңа айтайын, анан көрөбүз балам, ала качканда кандай кыз экенин кайдан билесиң, жакшы жерби, жаман жерби ким билет, кандай немеге кабылып калаарыңды ким билет?

- Жакшынакай эле кыздар жаман болмок беле?

- Сырты жалтырактын ичи калтырак деген бар балам.

- Мен бир кызды көрдүм, ал башкача кыз апа.

- Кайдан көрдүң?

- Окуйт окшойт, тааныша албай калдым, - деп Кабыл апасына сырын айтып жатты, - Ал таптакыр башкача кыз апа.

- Мейли, сага жакса болду, кыздын ата-энесин бил.

- Макул апа, - Кабыл ички бөлмөгө кирип кайра чыкты. Рая ойлонуп калды: "Кабылга өзүбүз билип алып беришибиз керек, Добулдун өзү билип алганы жетишет, Артур келсе ага кеңешейин", - деп ойлонуп жумушун жасап жатты. Зуура кирип-чыгып өзү менен өзү, ал сүйлөсө эле Рая кагып-силкип, колуна чыныны карматып коет дагы чыгып кетет. Шуу-шуу үшкүрүнүп алып кейип-кепчип отура берет, Артур келгенде арызданат, ал укмаксан болуп коет, ошентип карылыктын азаптуу күндөрү башталган. Ал эми гана Өскөнбайды эстеп: "Өскөнбайдын эле колунда болгонумда эмне, муну энчилеп багып алганым үчүн мага күйөт дебедимби, эми барсам Артур кана дешет", - деп ойлоп заманасы куурулуп турган чагы. Күндөн-күнгө алмашылган сайын Артурдун иши алдына жылып ишканасы кеңейип баратты, Добулду өзүндө иштетип койгон, келини дагы иштейт, бирок уул-келинин жашоосу башка, үйлөнгөндө эле бөлүп коюшкан. Артурдун айылдагы үйү ошол бойдон кала берген эле, аны көрүп келүү үчүн Өскөнбай акырын басып барды, айланасын чөп басып, үй эскире баштаган экен, үйдүн терезелеринен карап көрсө буюмдарынын бир азы калган экен, эртеси Байтурду ээрчитип келди:

- Бул үй Артурга тиешелүү эле, алар жок, кароосуз калып бузулганча Камчыны ушул үйгө бөлүп коюңуз да, ал келсе сизден талашмак беле, Камчынын үч баласы, Тайчы бир баласы менен чогуу батышпай да калышат, эки келинди эки жакка бөлүп коюңуз.

- Ырас эле, бул үй каралбай ансыз да бузула баштаган экен, - деп Байтур менен Өскөнбай эшикти ачып киришти, желе басып, чаңдап үй ичин бир жыт каптап кетиптир. Эшигин ачып коюп кетишти, үй чынында алты бөлмөлүү жакшы үй экен: "Байкуш атам, мага тийишпесин деп жакшы үй сатып берсе муну дагы барктай албады", - деп өкүнө түштү Өскөнбай. Азимадан кийин такыр үйлөнбөдү, Саада шаарга окуп калгандан кийин гана жалгыздыкты сезе баштады, арадан он беш жыл өтсө дагы үйлөнүүнү ойлобогон эле, эми гана ойлой баштады. Акча алмашканда кассадагы акчаларын алып кайрадан мал алып койгон, аны дагы эле Байтур карайт, алтымышка барып калса дагы Өскөнбайга чын дилинен кызмат кылып өз баласындай камкор. Кечинде келип Байтурдун үйүндө кеңешип отурушту, Мыскал Өскөнбайга:

- Өскөн, жашың өтүп баратат, биз айтпаганда ким айтат, эми жөн жүрбөй үйлөн, Азима жакшы келин эле, анын жер жазданганына көп эле болду, Саада бой жети, кокус ал турмушка чыгып калса жалгыз тосмок белең, - деди.

- Мен үйлөнө турган ылайыктуу келин барбы жеңе?

- Табылат, өзүң абай салып карасаң чыкпай эмне?

- Билбейм, чынында үйлөнбөсөм болбой калды окшойт.

- Менин бир сиңдилерим бар, күйөөсү ичкенинен тажап ажырашып алган, ошону көрбөйсүңбү?

- Макул көрөйүн, сиздин сиңдиңиз болсо жаман эместир, - Өскөнбай күлүп калды.

- Сага тааныштырам, ал өзү дагы мугалим, бирок күйөөсү такыр иштетпептир, эми минтип элдин баары соодага өтүп кетпедиби, ал дагы дүкөн ачып алып иштетип жатат.

- Эртең балдарды алып барып тигил үйдүн ичи тышын актап, буюмдарын чыгартып салгыла жеңе, Камчыны балдары менен киргизип коелу, - деди Өскөнбай. Ага баары макул болуп даярданып жатышты, Камчыга ал үй абдан жакты, керээли кечке Тайчы экөө актап-сырдап кечинде келишти, бечаранын баласы бечарадай дегендей эле Байтурдун эки уулу тең өздөрүндөй кудайы момун, ата-энесинин айтканынан чыкпайт, эки келин гана кээде куйтуңдашып ийгени болбосо дурус эле. Эки келин, эки уулу болуп Өскөнбай жооп бергендиктен Артур таштап кеткен үйдү тазалап бир аз буюмдары калган экен аларды сыртка чыгарып коюшту, эч нерсе болбоптур, болгону чаң басып кетиптир, бир айга чейин жыты кетсин дешип ачып коюп жатты. Аңгыча Мыскал Өскөнбайга Дарийканы тааныштырды, ага жаккан жакпаганын айтпады, кайната-кайненесине кеңешейин десе экөө тең картайып калышкан.

- Ата, апа эгерде силер уруксат этсеңер мен үйлөнөйүн, - деди учурашып орун алгандан кийин.

- Балам, өлгөндүн артынан өлмөк жок, жашоо улана берет экен, сага биз ыраазыбыз, үйлөнсөң үйлөн, - деди Сарыбай.

- Сени үйлөнбө деп айтууга кантип оозубуз барсын айланайын, Саада бойго жетип калды ал дагы кудай ачса бир жерге барат, куда-кудагый күтөсүң, үйлөнүп ал, - деди Шарапат дагы.

- Сиздерге рахмат, Саада турат, келип-кетип турабыз, - Өскөнбай ыраазы боло алардыкынан чыкты. Тагасынын үйүнө барды, Кадыр келин алып кыз берип калган, Өскөнбайды көрүп утурлай басты:

- Оо кел жээним.

- Келип калдым тага, - Кол алыша учурашып ичкери киришти.

- Кыз чоңоюп калдыбы?

- Ооба, ал шаарда окуп жатат, бир барып ошол бойдон кабар албай койдуңар тага, Майрам таежем кайда?

- Ал Россияда соода кылып жүрөт, картайганда үйдө отур десем болбой эле ошол жакта, балдары-кыздары менен ошол жакты, былтыр келип эки кабат үйдү куруп уста салып кеткен, мен баш көз болуп жатам.

- Оо, анда таежем сооданын көзүн тапкан экен.

- Ооба, иши жакшы экен, төртөө айына элүү миң доллар табат экен да, анан таштай албай жүрөт го, - Кадыр аялына кайрылды, - Гүлпөн жээн келип калыптыр баягы сүр эт менен чучукту сал!

- Ма-акул, жээн келгенче жети бөрү келиптир деп жээниң менен бир сырдашайын дегенсиң го? - деп Гүлпөн күлүп-жайнап тамагын асып келип чай койду. Кадыр катылуу бир бөтөлкөсүн алып чыкты, Кадыр Өскөнбайдан алты жашка улуу, Артур менен Кадыр бирге окуган, экөө отуруп жүздөн алып сүйлөшүп отурганча тамак дагы бышып калды.

- Тага, үйлөнөйүн дегемин бир үйдө жападан жалгыз бармактай кыз менен калдым, кабар алган адам болбоду, кызды өгөйгө кор кылбайын деп ал чоңойгончо үйлөнгүм келген жок, - деди Өскөнбай тагасына.

- Жакшы болот, үйлөнгөнүң жакшы эмей, таажеңең экөөбүз сенин жакшылыгыңда болбой анан, үйлөнө турган келин кайдан?

- Ушул эле айылдан экен, дурус эле келин го.

- Ошондой эле болсун, эми анын ата-энеси бар бекен?

- Бар экен, отузга чыга элек экен, сүйлөшсөм макул болгонсуп калды, сизге туугандарга кеңешип туруп анан алып келээр күндү белгилейбиз го?

- Ошент, өзүм турам башында, кайнатаңдан уруксат алдыңбы?

- Алар макул болушту, эмне демек эле, ошо кызым деп үйлөнбөй он беш жыл өтүп кетти арадан, - Өскөнбай тагасына ыраазы болду, чучук салып беш бармак алып келди, аны менен дагы бир бөтөлкө арак келди, ал күнү Өскөнбай аерде түнөп калды. Эртеси келип Байтурга союштарын даярдатып, Мыскал боорсогун эки келини менен жасап, үй ичин тазалап, желдетип конок кирчү бөлмөнү даярдап коюшту. Дарийкага жолугуп сүйлөшүп макулдашып эки күндөн кийин алып келмек болду. Ошентип эки күндөн кийин Өскөнбай Дарийкага үйлөндү, төркүндөрүн коноктоп, кийит-кечесин кийгизип, алдына акча менен бир бээ, бир уй берип узатты. Дарийка акыл-эстүү келин эле, дүкөнүн сиңдисине таштап өткөрүп берип Өскөнбайдын ыгына карап жашап калды.

- Дарийка, мага жолукканыңа өкүнгөн жоксуңбу? - деди Өскөнбай бир күнү, экөө үйдө жалгыз калганда.

- Жо-ок, а сенчи? - деди ал назик күлүмсүрөй.

- Мен бактылуумун, адам деген өзүнүн бактылуу кезин сезбейт экен, качан гана бактысыз кезинде өткөн күнүндөгү бактылуу кезин ойлоп өкүнөт экен да, сен өзүңдү бактылуумун деген кезиң болду беле?

- Мен ар убак өзүмдү бактылуу сезем, анткени тирүүлүктүн өзү бакыт деп эсептейм.

- Оо сен абдан акылдуу экенсиң, бул сөзүңө кошулам.

- А сен өзүңдү бактысыз сезген учуруң болду беле?

- Аялым өлгөндө бактысыздын бактысызы деп ойлогом.

- Жаңылгансың, ал күндөр өтүп эми жакшы күндөрдөн үмүт кылыш керек, өлгөндүн артында дагы жыргал күндөр бар Өскөн, кызыңды көрүп туруп деле өзүңдүн тирүү калганыңа тобо деш керек адам, - деди ойлуу Дарийка. Өскөнбай унчукпай калды: "Туура айтат, тирүүлүктүн өзү бакыт деген чын экен да", - деп алыста жүргөн кызын эстеди, ага акча берип ийишим керек эле. Үйлөнгөнүн укса эмне дейт деп кызынан тартынып турду. Дарийка аялдардагы жакшы сапаттары көп келин болуп чыкты, Өскөнбайды сыйлап турат. Кыш келгенде Саада келип калды, сыртта Дарийка жүргөн болчу, аны көрүп саал тартына.

- Саламатсызбы? - деди кирип келе жатып эле.

- Саламатчылык, кел келе гой.

- Сиз Өскөнбайды билесизби?

- Ооба билем, - деп Дарийка жылмая карап, - Кире гой, атаң үйдө, - деди, Саада кирип келип эле атасы менен кучакташып көрүштү, анын артынан кирген Дарийка босогодо турган.

- Кызым, мен сага айтпай калдым, бул сенин апаң болот, - деп Өскөнбай Саадага Дарийканы көрсөттү.

- Өзүңүз билиңиз, - деп залга өтүп кетти.

- Тамак даярбы? - Өскөнбай Дарийкага карады.

- Ооба, азыр алып келишим керек, силер сүйлөшүп отургула, - деп Дарийка сыртка чыгып кеткенде Өскөнбай кызынын артынан кирди.

- Кызым, акыбалдарың кандай, акчадан кыйналбадыңбы?

- Жок ата, өзүңүз оорубай элесизби?

- Жакшы эле, мага таарынбадыңбы кызым?

- Жок, эмнеге таарынам, өзүңүзгө караганыңыз жакшы эмеспи, мени чоңойтуп өстүрдүңүз, кээ бир энелер да сиздей болбойт экен, мен көптү көрдүм ата, - Саада атасын кучактап өөп мойнуна асылды, - Сизге жакса болду ата.

- Садагам менин, апаңдын эле өзү болуп калыпсың, таятаңдарга эртең барып учурашып кой ээ?

- Ооба, бүгүн үйдө эле болоюнчу.

- Ошент садага.

- Кардым ачты.

- Азыр, апаң тамак даяр болуп калды деп жаткан, жүр тамактаналы, - деп алдыга чыкты, ээрчише чыккан ата-баланы жаркылдай караган Дарийка:

- Катуу сагынышкансыңар го? - деди күлүп.

- Ананчы, кызымды сагынып калдым эле, - Өскөнбай Сааданы карады, - Канча күн болосуң кызым?

- Бир жума жүрөм.

- Анда сага акча-тыйын даярдашым керек экен да.

- Акча сөзсүз керек ата, бюджетке өтпөгөндө контракт төлөмөксүз, эми мага квартирага чыгыш керек болуп жатат, жатаканага кирбей калдым.

- Даярдайм кызым, эс ал аз күн болсо дагы, - Үчөө отуруп тамактанып сүйлөшүп жатканда Саада Дарийканы улам карап коюп жатты. Бирок анын токтоо сүйлөп отурганы жагып калды: "Атам бактылуу болсо болду, мен үчүн аял албай канча жыл жүрдү, мен түбөлүк атамдын жанында болбогондон кийин жашоосуна киришпей эле койгонум жакшы", - деп ойлонуп шаарда калган жигитин эстеди. Кабыл тырышып жүрүп Сааданы окуу жайдан издеп таап таанышып экөө бири-бирисиз жашай албай калган эле. Саада ушул кезде Кабылдын жөнөтүп жатып кайра-кайра айткан кебин эстеп жатты. Өскөнбай жеңил дем алып алды: "Саада мага таарыныч кылган жок, демек түшүндү, акыл-эси бар алтын кызымдын", - деп ойлонуп кубанып алды ичинен.

- Саадага жагаар бекенмин Өскөн? - деди жаткандан кийин Дарийка.

- Сөзсүз жактың, кызым эстүү, ага сен жагасың, - деп имере кучактап өөп койду, - Сен экөөң ынтымактуу болсоңор эле мага жакшы да.

- Мен бала төрөп баланын кадырын биле элекмин, балким тура эмес мамиле жасап аламбы деп корком.

- Саада өзү деле ага жол бербейт, сени буйруса сыйлайт.

- Ошентип эле тил табышып кетсек болду эле, - Дарийка улутунуп алды, күйөөсү экөө эки жыл жашап боюна болгон эмес, ошондуктан төрөбөй каламбы деген коркунуч бар эле. Унчукпай жатып калышты, Өскөнбай бекем кучактап жатып кылт этип Азиманы эстеп алды: "Байкушум ай, куурадың ээ күлгүнүңдө, колдон келбес иш болду, айла канча ардагым, түбөлүк жүрөгүмдө сенин үнүң, элесиң жашап калат, айткан сөздөрүң али да кулагымда, эркелей караган көз карашың көз алдымда, мага ыраазы бол алтыным", - деп ичтен тынып аны элестете Дарийканы өөп алып көзүн жумду. Эртеси Саада таңкы тамагын ичип алып эле кийинип таятасыныкына жөнөдү. Шарапат босогодон кирип келе жаткан Сааданы көрүп селдейе туруп оозуна сөз кирбей калды, Саада жетип кучактап калды:

- Таене кандайсыз? - дегенде эсине келе калды.

- Иий садага Саадасыңбы?

- Ооба таене, тааныбай калдыңызбы, таятам кайда кетти эле?

- Ал эшикте болчу, көргөн жоксуңбу садага?

- Жок, көрүнбөйт го?

- Жүргөндүр, таежелериңе барып жатасыңбы?

- Ооба, барып жатам.

- Садага кетейин десе, Азима кирип келе жаткандай болбодубу, шордуу кызымды өлтүргөндөр оңбосун, - Шарапат көз жашы кылып көзүн аарчып жатканда Сарыбай кирди.

- Оо алтын кызым келдиби?

- Кандайсыз таята?

- Жакшы кызым, өзүңдүн акыбалың жакшыбы, окууларың жакшыбы? - деп Сарыбай Сааданы өөп төргө өттү, - Апаңдын эле өзү болупсуң кызым, - деп бир нерсе оюна келгендей ички үйдөн альбомду алып чыкты, - Мында Азиманын сендей кездеги сүрөтү, - деп Азиманын сүрөтүн көрсөттү, - Сенин эле өзүң, арыкчырай секелек кызымдын элеси гана калды, - Оор күрсүнүп алды.

- Апам окуду беле?

- Ооба, педучилищаны эле бүткөн, мугалим болуп иштеп жүрдү…

- Атам менен сүйлөшүп тийди беле?

- Ооба, Өскөнбай деле өсө турган жигит эле, апаңдан кийин ишин да таштады, он беш жыл бою сени гана карап үйлөнбөдү, дагы жакшы ичип кетеби деп чоочуладык эле, тууганы аз, жалгыз бала, - деп Сарыбай түшүндүрүп жатты, - Атаңа капа болбо кызым.

- Капа болгонум жок таята, аялы жакшы эле окшойт.

- Дурус келин, атаңдан он-он эки жаштай кичүү, эми алдагы бактылуу болуусу керек кызым.

- Ооба түшүнөм таята, атам бактылуу болсо болду.

- Ошент кагылайын, сен жалгыз болуп калдың, - Шарапат дасторкон жайды, - Келгиле эми тамак ичкиле, - деп Сарыбайды караса Азиманын сүрөтүн сылап көзүнөн жаш куюлуп отуруптур, унчукпай ары карап кетти Шарапат, Азимадан башка эки кыз үч уулу бар, ошенткени менен ата-эне үчүн ар бир баланын өз орду бар эмеспи, Азиманы эстеп кө????????

пкө далай түндү уйкусуз өткөрүшпөдүбү?

Саада таене-таятасынын үйүндө эки күн жүрдү, кетээрде Сарыбай ага үч миң сом берип, бир козу союп салып берди, Өскөнбай беш миң сом акча берди, кой союп берейин десе болбой койду. Анткени жүгү көп болгонго көтөргөндөн зерикти, таксиге салып дайындап салып ийишти. Дарийка Өскөнгө турмушка чыкканына ыраазы, анткени ал аялга жаман айтпаган ою менен болгон адам. Кыштын күнү малды өзү карап уй саап, күндө сүтүн үйдөн сата баштады, Мыскал экөө ынтымактуу, алтымышка чыгайын деп калганы менен Мыскал жаш көрүнөт, эки баладан башка төрөгөн жок, Өскөнбай берген малын көбөйтүп ирденип калышкан. Эки уулу өз-өзүнчө түтүн булатып, неберелери келип малына жардам берип ошол жерде.

- Даки, - деди бир күнү Өскөнбай.

- Оов, эмне болду?

- Сүттү сатпай эле койчу.

- Эмнеге?

- Уят го, ансыз деле өзүбүзгө жетишет.

- Ашык дөөлөт баш жарбайт Өскөн, күнүмдүк чай-чакага чыгып турса жаманбы, ашык сүттү иритип кайда алып барам, андан көрө сатып ийели көчөгө көтөргөнүм жок, алып кетишет, - деп күлүп калды, - Уялбай эле кой, азыркы заманда уялган адам жашай албайт.

- Макул, өзүң билчи жаным.

- Ошентсең, куруу намыс баш жарат болбой.

- Койдум эми, баса Даки.

- Эми эмне болду?

- Бир нерсе айтсам таарынбайсыңбы?

- Айта бер, байкап көрөм да.

- Мага бир эле уул төрөп берчи!

- Эмне, - Дарийка сөз таппай туруп калды, акыры ушуну өзү дагы күтүп жүргөн, ушундай суроо болоорун билген, - Ма-акул, - деди көптөн кийин.

- Бир эле уул, өзүм дагы жалгызмын, тууганым да балам да болуп берсин Даки, - деп туруп келип артынан кучактап калды, - Алтыным менин, уулубуз чоңойсо чоң окууга окутуп, кемпир-чал болуп малын багып берсек, ал окумуштуу болсо…

- Айтканың келсин, кудайдан өзүм дагы бир перзент сурап-тилеп келе жатам Өскөн, жаштын тилегин берет дейт го болоор, - деп Дарийка өзүнө ишене бербей сөзүнүн артын арсак бүтүрдү.

- Үмүттү үзбөйлү алтышка, буйруса балалуу болобуз, адегенде сен мага уул төрөп бересиң, андан кийин кыз, Ызактын ушул үйүн балдарга толтурабыз, Саада турмушка чыкса анын балдары келсе балалуу үй базар дегендей базар болот ээ? - деп экөө көпкө сүйлөшүштү. Ошол түнү бала жөнүндө сүйлөшкөнгөбү Дарийканын түшүнө майда балдар кире берип кайра-кайра ойгонуп жатты, таңга маал көзү илинип кетсе түшүнө аксакал карыя кирип эки ак кептер берип жатыптыр, экөө тең аппак кептерлер экен, колуна алып суктана карап жатып ойгонуп кетти. Негедир кубанычтуу ойгонду: "Кудайым берди, эки кептер эки уул болот экен, эгиз болот окшойт", - деп ойлонуп эрте туруп нан жасап Өскөнбай тургуча дасторконун даярдады.

- Эмне болду Даки, эрте турупсуң да?

- Жакшы жышаан көрдүм Өскөн, кудай түшүмдө берди, азырынча сураба, ата-энеңе куран окуп коелучу.

- Жарайт, оозуңда бардыр жаным, - деп Өскөнбай куран окуп ата-энесине багыштап куран окуду. Арасына ичинен Азиманы да кошуп атады: "Ошондон көп өтпөй эле Дарийка кош бойлуу экенин билип кубанычы койнуна сыйбай Өскөнбайга айтты эле ал андан бетер кубанып калды. Эч кимге айтпай төрөөр убакытка жакын гана врачка көрүндү, гинеколог аны аябай тилдеп анан көрдү да:

- Эгиз баланы көтөрүп жүрүп көрүнбөгөнүң эмнең, бардык анализдериңди тапшыр, каның аз болсо эмне кыласың? - деди.

- Макул эже, тапшырайын анализдеримди.

- Кыйналган жоксуңбу?

- Жок, жакшы эле жүрөм.

- Тез-тез келип тур, төрөөрүңө аз калыптыр, - деп врач аны карап боор ооругандай узатып турду.

- Жакшы калыңыз эже, - Дарийка акырын чыгып кетти. Эртеси толук анализдерди тапшырып бүткөн күнү көрүнүп толгоо башталганын билип дароо эле төрөтканага алып келишти. Эки сааттай толготуп балканактай эки уулду жарым саат аралыганда төрөп алды. Заматта Өскөнбайга сүйүнчү жөнөттү Дарийка, ата-энеси дагы келип калышты. Төрөтканадагы акушеркаларды тойгузуп баарына көрүндүк берип кубанып жүрдү, Дарийканын кубанычында чек жок, бактылуу болуп эки наристени карап алып ичи элжиреп жата берди, Өскөнбай кирип аны бетинен өөп:

- Куттуктайм жаным, аман-эсен көз жарып алышың менен! - деп жанына отуруп наристелерди алмак-салмак карап жүзүнөн өпкүлөп жатып көпкө отуруп кетти, үйүнө келип Байтурга бактырган коюн даярдатып, бир козуну союп эртеси бышырып таекеси, Байтур менен Мыскал болуп барышты, төрөтканадагылардын баарын коноктоп, коньяк менен аракты суудай агызып анан үчүнчү күнү эле чыгарып келип алды. Дароо эле сиңдисин ала келишти, үйүнө келгенден кийин баккан коюн союп алып кайната кайненесин чакырып, аларга тагаларын кошуп коноктоду. Ошондон? ?????

эки эгизге ат коюшту.

Эзелтен келе жаткан эле Асан-Үсөн коюшту, азыркыча жаңы ат койбой эле ата-бабадан келе жаткан Асан-Үсөндү койду. Өскөнбайдын көңүлү тынып жашоого көңүлдүү болуп Дарийканы аярлап ордунан тургузбай өзү карап жатты, балдызы Салийка Асанды багат, өзү Үсөндү карайт. Туугандары келип уулун көрүп келип жатышты, Беккул анын жакыныраак тууганы болгондуктан көрүндүгүнө торпок алып келишип аларды коноктогону кой сойду.

- Өскөн, сенин балалуу болгонуңду угуп сүйүндүм, Ызак байкемдин тукуму өссүн, адамга жамандыгы жок, колу ачык адам эле, - деп бакылдап отурду.

- Рахмат байке, ыраазымын сиздерге, жеңем экөөңүздөргө рахмат, атамды көргөнсүздөр, ата-арбакты сыйласаңыздар сиздерди кудай сыйласын.

- Сени биз балдарыбыздай көрөбүз, байкем балалуу болбодум деп арман кылып жүрүп сенин апаң менен жашыруун үйлөнгөн эле, ал өлбөгөндө Зуура жеңем эбак кетмек, тагдыр экен, эми сен аман болуп балдарыңды татыктуу тарбияла балам.

- Сиздердин айткан акылыңыздарды мен дагы сыйлайым, - деп Өскөнбай агасына ыраазы болуп турганда сырттан кобур-собур үндөр чыгып калды, Өскөнбай сыртка чыга калса Төрөбек аяш атасы экен.

- Ассалоому Алейкум, бешик боо бек болсун! - деп Өскөнбайдан озунуп салам айтып калды.

- Айтканыңыз келсин аяш ата, келиңиздер! - деп ийиле учурашып, - Үйгө кириңиздер, - деди эле:

- Кана, кичинекейлерди көрөлү, анан сүйүнчүсүн айтам, көрүндүк да болот, - деп бапыраңдап ичкери кирди, Дарийка катар жаткан эки баланы көрсөткөндө Төрөбек:

- Бул келин баланын сүйүнчүсү, эми жүрү эшикке, - деп Өскөнбайды эшикке ээрчитип чыкты, - Мына бул тайды көрүндүккө алып келдим, - деди байланып турган тайды көрсөтө:

- Ой аяш ата, мынча эмне убара болосуздар, жөн эле көрүп койсоңуздар болбойт беле? - Өскөнбай жөн салды сүйлөгөнү менен компое карады, - Рахмат аяш ата, кириңиздер үйгө. Төрөбек аялы Саамай экөө ичкери кирип Беккулдар менен учурашып орун алышты, бакылдаша арактан алып коюп өткөн-кеткенди айтып жатышты.

- Ызак байкемдин далай жакшылыгын көргөнбүз, - деди Беккул, - Мен жаңы үйлөнгөндө колдо жок убак, анда ата-энеси да бар болчу, ошондо калыңга деп бир жылкыны жөн эле берип койгон, абдан колу ачык киши эле.

- Чынында жакшы адам эле, мен биринчи балалуу болгонумда бир тай жетелеп барды, кызымда кой берди, ошентип ар бир баламды куруу көрчү эмес, чыны ал акчаны баалачу эмес, - деп Төрөбек дагы мактап жатты. Өскөнбай аларга ыраазы, анткени адам деген өткөнүн унутуп калат эмеспи кээде. Кубанычына тең орток болуп минтип атасынан көргөн жакшылыкты баласына кайтарган адам чанда болсо керек, кыскасы келип сыйга-сый, сыр аякка бал деген ушул да деп ойлоп алды ичинен. Ирээти менен коноктоп сыртта Мыскалдын эки келини жүрөт, аларды үйгө конок келген сайын чакырып алышат, Мыскал саал картая түшкөнгө ооруп-сыркап жүрөт. Байтур да ошол жерде, малын союп, казанга салган ошол. Эт бышып, колго суу куюлганда Байтур менен Мыскалды да үйгө болбой киргизишти. Байтур өзү жоош-момун адам болгондуктан өзү конокторго стакандарды толтуруп куюп сунуп жатты.

- Келгиле эми туугандар, ушул кубанычты Ызак жезде өзү көрбөй кеткени өкүнүчтүү, ошентсе да кызын көрүп кетти, ушу жаман балдардын өмүрү узун, келечеги кең, ата-энеси менен бирге бактылуу өмүр сүрсүн, - деди өзү колго алып Байтур.

- Ооба, наристелердин боосу бек болсун.

- Бактылуу, ырыс кешиктүү балдардан болсун!

- Айтканыңыздар келсин, - деп ансайын Өскөнбай чечекейи чеч боло баш ийкеп колун бооруна алып калат.

- Келин бала экөөңөр дагы уул-кыздардын сый-урматын көргөн балпайган байбиче чал болгула, - деди кызып калган Беккул.

- Ботом, чал-кемпир болгула десең боло, - деп аялы аны тыйып калды, аялы Күмүшай.

- Баары бир эмеспи, сен экөөбүз байбиче менен чал эмей эмнебиз айтчы? - деп карсылдай күлдү Беккул, - Өскөнбай иним, угуп тур, ырас эле айрымасы жок, айткан каалоо-тилектерибиздин баары ушу балдарга кабыл болсун, ылайым ушул үй базарга айланып Ызак байкемдин үйүнөн балдардын күлкүсү угулуп турсун, - деп кайра отургандарды карады Беккул, - Туура айтамбы ыя Төрөбек?

- Туура-туура, өзү да ошону кандай күтүп жүрүп, Өскөнбай көрүнгөндө бир катуу ыйлады дейсиң, арманы менен кубанычы бир болуп бербедиби, Саада байкушту кара басыптыр да көрсө өзү дагы аны катуу жакшы көрчү.

- Кыскасы уучу кур эмес эле, минтип учугу уланып жатат, - дешип күүгүмгө чейин отурушту, кызуу болуп эт желип, колдорун жууп анан орундарынан турушуп сыртка чыгышты. Өскөнбай аларды жакшы жөнөттү, тойго келгендей эле келген эле, кайра Дарийка экөө кеңешип таарынбастай узатышты. Асан-Үсөн абдан жоош болду, кың этип ыйлабайт, жалаягын которуп койсо былк этпей жата берет. Өскөнбай имерчиктеп жанынан чыкпайт, жаз келип көктөм убагы болуп калган, Саада атасынын балалуу болгонун угуп аябай кубанды, бирок сабагы бүтө элек болгондуктан каникул болгуча чыдап шашылыш айылга жөнөдү. Кечки саат жетилерде кирип келип эле Дарийканы кучактап калды:

- Куттуктайм апа!

- Рахмат кызым, - Дарийка эмне дээрин билбей калды.

- Кана, менин инилерим кана?

- Кире гой, инилериң үйдө, - деди мээримдүү жылмайган Дарийка.

- Атам үйдө жокпу?

- Сыртта, азыр келет, - дегенде ичери кирип диванда катар уктап жаткан наристелерди бир саамга карап туруп калды, таттуу уктап жатканда ойготууга дити барбай дивандын жанына тизээлей көпкө тигилип туруп Дарийкага кайрылды.

- Өпсөм чоочуп кетпейби апа?

- Өбө бер, эжекеси өпкөндө чоочубайт.

- Алтындарым ий, менин бир туугандарым, - деп аяр экөөнү чоп-чоп эттире өөп көзү тойбой карап туруп анан өзүнчө сүйлөп жатты, - Экөө тең бири-бирине окшош экен ээ, кимиси улуу, кимиси кичүү?

- Мунусу Асан, - деди басып келип Дарийка, - А мунусу Үсөн, бири чоңураак, жыйырма мүнөт мурун түштү.

- Ошондой болот бекен апа? - деп кайрыла калып сурады, ушул ирээт ал өз энесиндей көрүп кайра-кайра апалап жатканын өзү да билбей калды, кыялында аны өз энесиндей эле сезип турган эле. Ошол кезде сырттан Өскөнбай кирди:

- Менин алтын кызым келип калган го?

- Ата куттуктайм! - деп тура калып мойнуна асылды Саада, - Угуп алып экзамен бүткөнчө зорго чыдабадымбы, менин инилерим да ээ ата?

- Ананчы кызым, өзүңдүн инилериң болот да.

- Ыраазымын апа, атамды ушунчалык кубантып балалуу кылганыңызга ыраазымын! - деп Саада Дарийканы да кучактап өөп койду.

- Рахмат кызым, кубанычыңа кубаныч кошулсун. Андан кийин окуулары жөнүндө кобурашып төртүнчү курсту ийгиликтүү аяктаганын айтып отурду. Дарийка ичинен абдан ыраазы болду, бир сырдуу болуп келип кеткен кыздын апалаганына ичи элжиреп өз кызындай мээримин төгө карап сүйлөшүп жатты. Өскөнбай андан бетер кубанат, аялы менен кызынын бири-бирине болгон бүгүнкү мамилесине. Ошентип бактылуу үйбүлөнүн бакытка бөлөнгөнүнө кээси ишенсе кээси ишенбей да калышты. Айрыкча Мыскал эртеси келип Саадага учурашып отурганда тээ мурунтан, же болбосо өзү төрөп өстүргөндөй болуп сүйлөшүп отурганына таңгалды. Анткени ал Сааданы бир мүнөздүү кыз болот, Дарийка менен келише албас бекен деп ойлогон эле. Көпкө отуруп анан үйүнө кайтты. Саада бир ай жүрдү, ошол убакытта кичинекейлерди колунан түшүрбөй көтөрүп алып карап жүрдү, аябай жакшы көрөт, эки жакты карап калган эгиздерди кийин байкашса бири ыйлаганда экинчиси да ыйлайт экен, таңгалып калышты, Салийка менен Саада экөө экөөнү көтөрүп такыр жаткызышпайт, ал турсун Дарийканы иш кылдырбайт, балдар уктаганда экөө кир жууп, бири тамак жасаса, бири үй жыйнайт ынак да болуп кетишти. Кетээр алдында Саада:

- Мен келгенче күчүктөрүмдү ыйлатпай, оорутпай карагыла ээ? - деп чопулдата өөп анан жөнөдү.

- Сени сагынышат, тезирээк кел, - деп күлдү Дарийка. Өскөнбай узатып жатып беш миң сом берди, кийин дагы берип жибермек болуп таксиге салды.

- Ата, жакшы жүрүңүз, балдарга жакшы карагыла.

- Жарайт кызым, - Ата-бала кучакташып коштошушту. Өскөнбай кызын узата карап көпкө турду: "Бактылуу болсоң экен кызым", - деген ойдо артына кайрылды…

Артурдун иши жүрүп ити чөп жеп абдан байыган, кылган кылмышы билинбей заман өзгөргөн соң канча жыл өттү, Байтур агасыныкына бир баргысы келип колунан келген жардамын бергиси келип эч кимге айтпай шаардан чыкты. Ал атайын түнкүсүн жолугуп сүйлөшмөк болуп жөнөгөн. Түн бир оокумду эшиги кагылганда Байтур чындап чоочуду: "Ким болуп кетти, түн жарымында ким келмек эле", - деп ойлоп:

- Ким бул? - деди.

- Байке ачыңыз, мен Артур.

- Ыя?! - Байтур селт эте түштү, бир тууганы болсо да элден угуп жүргөндүктөн чоочубай коймок эмес: "Дагы эмне балээнин башын чыгарганы жүрөт", - деп, - Киммин дейсиң? - деди кайра тактап сурап.

- Байке ачыңыз, өз иниңизди унутуп калдыңызбы? - дегенде эшикти ачып жиберди, - Кандай байке, аман-эсенсиздерби?

- Жакшы, деги өзүң кайда жүрөсүң, дайыныңды билбей

- ?????

- Мына маңдайыңызда турам го? - деди күлө, - Балдар чоңойгондур, жеңем кайда, үйгө киргизбейсизби?

- Кир-кир үйгө, баса эч ким көрбөсүн, - Байтур шашып эшикти ачып ичкери киришти.

- Ким ой, түн жарымында келген ким? - деп Мыскал үн катты.

- Тур кемпир, конок келди, балдар ойгонуп кетпесин, - деп Байтур аялын тургузуп оозгу бөлмөгө төшөк салып отурушту, - Кана сүйлөчү, сен мени унутуп Зууранын тилине кирип кайда качып жүрөсүң?

- Ээ байке, эч кандай күнөөм жок, болгону өзүмдү сынап көрдүм, иш жакшы, силерди эстеп колдон келген учурда бир жардам берейин деп түндөп келдим, өзүңөрчө үй-жайыңар жок ушинтип күн өткөрөсүңөрбү.

- Бул үйдү бизге биротоло берген, огород кенен, мындайды мага башка туугандарым дагы бермек эмес.

- Эмесе мейли, мен кайра жолго чыгам, мына бул беш миң доллар, балдарга үй алып бер, машина алып бер, эмне кылсаңар өзүңөр билгиле, Камчыны же Тайчыны шаарга жөнөт, ишке алып айлыгын өзүм жакшы төлөйм, бутунан турушсун, - деп Артур агасына айтып жатканда Мыскал тамак жасай койду, - Балдарды үйлөнттүңүзбү?

- Ооба, экөө тең үйлөнгөн.

- Жакшы кылыпсыз.

- Сен эми айылга түн жамынып кана келесиңби, ачык жүрө албай өмүр бою ушинтип жүрө бересиңби? - деп Байтур инисин кабак бүркөй карады, - Сени Зуурага алып келип бербей койсом болмок экен, өзүнө окшотуп муз жүрөк кылып чоңойтуп койду.

- Тагдырыбыз ушул экен байке.

- Ошону жасаган өзүң да.

- Мен андай кылган жокмун, жөн эле күнөөлөп жатпайбы?

- Качып кетпей эле сурак берип акталып кетмексиң да, күнөөң болбосо эмнеге качтың?

- Корктум, бей күнөө камалып кетемби деп.

- Кой мунуң жарабайт, Өскөнбай абдан жакшы адам болду, ал сени дагы деле кечирет, кечирим сурагын, күнөөлүү эместигиңди айтып астынан өт, - деп Байтур бир топ акыл айтты. Экөө көпкө сүйлөшүштү, анан кетээринде дарегин таштап таңга маал жолго түштү. Байтур узатып кала берди. Эртеси эле эки уулун акырын чакырып келип кичүүсүнө машина ал деп акча берди, калганын үйдү оңдотмок болуп кеңешишти, шаарга Тайчы бармак болду. Ошентип Байтур Тайчы кетээрде дагы кат жазып жиберди, анда Өскөнбайдан кечирим сурап жүзүңдү ачып ал деген эле. Ойлонуп бир пикирге келгенче эле бир иш болуп кетти. Кабыл күндө Саада менен жолугуп сүйлөшөт, аны кыздар Саада дебей эле Соня дешчү, Саада өзүнүн атынан уяла берчү. Кабыл жолугуп алып:

- Соня, үйлөнүп алалы, - деди колунан кармай.

- Болбойт, окуумду бүтөйүн.

- Бүткөнчө качан, сени башка бирөө алып кетсечи?

- Мен сенден башка эч кимге барбайм.

- Кыздар ошенте бересиңер, ала качып кетсе айласыз отуруп каласыңар.

- Жок, мен отурганда дагы атам мени азыр бербейт.

- Ата-энең барбы Соня?

- Бар, эки эгиз иним бар.

- Жакшы экен, кел мен сенин ата-энеңе жиберейин.

- Эмне деп?

- Келин кылып алам деп, сөйкө салабыз.

- Кабыл, азыр убара болбо.

- Баары бир үйлөнөм, каршы болгонуң сүйбөгөнүң го ээ?

- Андай эмес, учуру келсинчи.

- Качан?

- Окуумду бүткөндө, - Экөө талашып-тартышып отуруп эки бөлүнүштү, Кабыл үйүнө келип эле дагы айтты, өткөндө айтканда Артур кое тур деп койгон эле.

- Ата, мен үйлөнүшүм керек.

- Кимге, кай жердин кызы?

- Сурабапмын.

- Сурап кел, ата-энеси ким экенин.

- Макул, эртең сурайм, үйлөнтөсүңөрбү?

- Эң оболу кыздын жайын билели.

- Ата, ал кыз абдан жакшы кыз, силерге сөзсүз жагат.

- Артур, кызды ээрчитип келсин, биз көрөлү да, - деп Рая уулуна болуша кетти.

- Энеси жакшы болсо кызын көр, адегенде тегин сурап билгиле, - деп Зуура да сөзгө аралашты.

- Ай апа, а-ай, теги деп, бай-манаптар сүрүштүргөн тегин, азыр баары тең заман, бизге эмес кыз балага жакса болду да, - Рая кайненесин жаман көрө карады, - Жөн отура бериңизчи!

- Болуптур, сүйлөбөсө сүйлөбөйм, - Зуура терс бурулуп кетти.

- Эртең кызды кечки тамакка чакырып кел, - деди Артур.

- Макул ата, сөзсүз чакырам, - Кабыл кубанып кетти. Рая дагы сүйүнүп жатты, ал кийинки кездери күйөөсүнө жини келе берчү, ал таптакыр эле Зууранын кебинен чыкпайт, эки жылдан бери Зуура баса албай төшөктө, тили буудай кууруйт, өзүнүн акыбалы начар эле. Рая аны үйүнөн кетиргиси келип жүргөн, үй ичин заара жыттантып жаткан жерине кое берет.

- Артур, апамды карылар үйүнө алып барып коелучу, - деди бир күнү Рая.

- Эмнеге, уккан эл эмне дейт?

- Бизди ким карап туруптур?

- Карабаса дагы угат да.

- Өзүм деле элүүгө чамалап ар кайсы жерим ооруйт, карыган немени күндө шейшебин жууй берип куурадым, өзү кирип-чыгып турганда жакшы эле, минтип сийип-чычканына чыдабай баратам Артур.

- Чыда, балким жакшы болуп кетээр?

- Кайдан, эми жакшы болушу кыйын, жашы өткөн сайын ушинте берет да, оор болот экен мага, пенсиясын которуп берип коебуз.

- Кой болбойт, мени ошончолук баккан аялды карыганда карабай койсом кудай дагы кечирбейт, - деп Артур көнбөй койгондо Рая жини келип:

- Анда өзүң бак, олчойгон кемпирди жуунтуп, бок-сийдигин жууп эки жылдан бери караганым жетээр, мен кыйналып кеттим, - деп дароо ичке кирсе Зуура төшөктү булгап салыптыр, - Кабыл чыкчы бери! - деп дагы кийимин чечип которуп баласынын жардамы менен керебеттен алып туруп сыртка чыгарып туруп бастырманын алдына керебетти коюп жаткырып койду, - Үйдүн баары сасып бүттү, киши келсе үйгө киргизе албайсың, - деп булкуна кирип кетти. Артур үндөбөдү, ичинен сыза тим болду, кийинип алып сыртка чыгып кетти. Ошондон баштап жайында сыртка жаткырып тамакты тарта берип койду эле бир күнү:

- Рая, ыя Рая!

- Эмне болду апа?

- Курсагым ачты, бирдеме берчи.

- Эмеле ичпедиңби апа, түш болсун.

- Тойбой калдым.

- Топук кылбайсыңбы апа, тарта ич да, - Рая жини келе басып кетти.

- Кор кылды кудай, кантейин кор болдум го?

- Кор кылбай караган жерге бара берчи!

- Оо кудай, карай турганым болбой силерге кор болдум да.

- Кор кылбай ушул жашка чейин багып келе жатабыз го, түшүнбөсөң койчу, - деп кирип кетти.

- Оо жараткан, ушуну багып тиктим эле, бала ордуна бала кылып мага күйөт деп жүрдүм эле, - деп сүйлөнө берди. Андан кийин Рая үндөгөн жок, өзүнчө сүйлөнө берди, түшкө чейин какшана берди эле түш болгондо нан туурап чоң чыныга тамак алып келип берди.

- Муну ичесиң да толтурасың төшөккө, аздап ич десе болбойсуң, - деп артына жөлөнгүч коюп отургузду да колуна карматты.

- Мен Артурду мага карайт деп баккамын, өзүңдөн чыкпаса ушул экен да.

- Өзүнөн чыккандар деле карылар үйүнө жеткирип коюп жатышат.

- Ошол жакка алып барып койгулачы ушундан көрө, - деп Зуура терс бурула жаман көргөнүн билдирди.

- Пейлиңиз жаман, Артурга жакшылык кылып койдуң беле, сенин айыңдан эмдигиче жашырынып туулган айылына барбай жүрөт, сенин тилиңди алам деп, эл-журттан алыстады, - Рая качантан бери ичинде жүргөн оюн ачык айтып алды, - Сен ошол пейлиңден көрүп жатасың, баласын кайсы эне кылмышка түртөт, Артур нымтыр, сенин сөзүңдү кыя албай ичинен сызып зорго жүрөт, - деп жини келгенинен ага ушуларды айтты да кирип кетти. Зуура ушул ирээт ыйлады, жан дүйнөсү сыздап тагдырына таарынып ыйлады, Өскөнбайга кылган мерездигин, өгөйлүгүн ойлоду, туура эмес кылганын сезди: "Аттиң, бекер кылган экенмин, качандыр бир кезде пенде ушундай оор абалда калаарын билсе мындай жаман ойдон алыс болот беле, Ызактын ошол аялга кетип калганы жүрөгүмө оор тийип өчпөс кек болуп калганын карачы, болбосо Өскөн мени минтип кор кылбас беле", - деп сыздап жатты, бирок баары кеч болуп калган эле, жетимиш төрт жашында оорубай туруп эле ордунан жыла албай калды. Артур врачтарга көрсөтүп ооруканада бир жылдай жатып чыкты, эч кандай оорунун себептери табылбаган соң үйдө карап калышкан. Ошол күнү Кабыл Сааданы үйүнө чакырды.

- Соня, атамдар сени кечки тамакка чакырып жатат, - деди колунан кармап катар басып келе жатып.

- Кызык, андай болбойт да, кыргыз кызы качан болочок кайнатасынын үйүнө барчу эле?

- Азыркы мезгилде баары эле ошондой, эгерде мени сүйсөң барасың.

- Сени сүйөм, бирок жоолук салынмайынча үйүңө барбайм.

- Анда менден үмүтүңдү үз, бүгүн мен жок болом, эртең куран окуганга барып калаарсың.

- Жинди десе, - Кабыл

- ???

- Чын айтам, анткени сен мени сүйбөйсүң, жалган айтып жатасың.

- Кабыл, сен мени түшүнчү, кантип барам?

- Ушинтип эле, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, таанышып эле кайтасың макулбу, макул деп койчу Соничка, - Алдына өтүп артынан карай басып баратты, - Кана, кана Соничка, макул деп койчу?!

- Кабы-ыл, бул эмне деп кыйнаганың, мен адегенде атама дагы кеңешишим керек, ал макул болбосо сүйүүмдөн да баш тартуум мүмкүн, анткени атам менин баарым, дүнүйө мүлкүн, бактым ырысым билсең, - Саада токтоп алып түшүндүрмөк болду эле Кабыл таарына басып кетип баратты:

- Демек сен сүйүүңдөн баш тартат экенсиң да, а мен сен үчүн баарынан кечип кетүүгө даяр элем.

- Жаңыласың Кабыл, - Саада жигиттин артынан жай басып сүйлөп жатты, - Ата-энеден кечүүгө болбойт, алардын алдында бала деген өлгөнчө милдеттүү билсең, эң биринчи адам өзүн сыйлаш керек, андан кийин ата-энени, ошолор макул болуп ак батасын берсе анан сен сүйүүңө жетип бактылуу болушуң керек, эгерде сен өзүңдү сыйлай албасаң башканы сыйлай албайсың.

- Мен кеттим, сүйүүгө ишенбеймин, баарынан көңүлүм калды, кош бол Соня, эртең бул жарыктыкта боломбу, болбоймбу аны кудай өзү билет! - деп ылдам басып жөнөгөндө Соня чоочуп кетти:

- Кабыл токто!

- Эмне айтаарың бар? - Артына карабай токтой калып суроо узатты, - Эгерде дагы жомок айткың келсе убара болбо.

- Токтосоң, - Жүгүрүп жетип келди, кыз жүрөгү чымчыктай тырпырап жатты: "Жо-ок, мен үчүн бир жаш өмүрдүн кыйылганын каалабайм, бүгүн эмне болсо дагы аны менен барайын, андан кийин жолукпай койсом болот да", - деген ойдо Кабылга бир-эки кадам жетпей токтоду, - Мен макулмун!

- Эмне дедиң? - Кабыл жүзүнөн кубанычтын учкундары чачырай бери бурулду, - Чын айтасыңбы Соня?

- Ооба, мен макулмун.

- Алтыным, менин сүйүүм! - Кабыл кызды жерден так көтөрө калып айлантып жатты, - Мен сага ишенгемин, мени уят кылбасыңды билгем.

- Болду эми, түшүр мени Кабыл, элдер карап жатат.

- Караса карай берсин, сен меникисиң уктуңбу, элдин кандай иши бар экен, - Кызды акырын түшүрдү да, - Жүрү, атамдар бизди күтүп жатышат, - деп колдон ала аялдаманы көздөй басышты. Алар келгенде Рая тамагын жасап, үстөл үстүн дүйүм тамакка толтуруп алып улам эшикти карап күтүп жаткан, Зуураны дагы Артур болбой таза кийинтип үстөлгө отургузуп койгон, эшиктен кирген экөөнү үчөө тең карап калышты, Добул аялы менен келип Кабылдын болочок келинчегин көрүүгө ошол жерде болчу, Асел казан аяк менен алышып ашканага кирип-чыгып жаткан. Кабыл колунан алып Сааданы үстөл четине жете бергенде эле Зуура:

- Токто! - деди эле кыз селдейе туруп калды.

- Апа, эмне болуп кетти? - Артур Зуураны түшүнө бербей карап калды, Рая жини келсе да унчукпай: "Ушуга сый жарашабы, жөн кой десе болбой ушунун азабы өттү", - деп Артурду акшыя карады, бирок кызды карап качандыр бир жерден көргөндөй болуп эч кимиси үндөбөй тымтырс болуп калды. Кабыл өзүн ыңгайсыз сезе:

- Ата-апа, бул Соня, таанышып койгула, - деп Саадага кайрылды, - Булар менин ата-энем, тигил чоң энем.

- Болду, тапкан экенсиң, сур жылаандай кылбай жогот, менин көзүмдүн тирүүсүндө бул үйдүн босогосун аттабасын! - деп Зуура кыйкырып жиберди, - Менин үйбүлөмдү бузган неменин тукуму экен!

- Апа, жөн отурсаң боло, - деп Артур аны тыймак болду, Саада ызадан көзүнө жаш толо Кабылды бир карады да эшикти көздөй жүгүрүп кетти.

- Силер эмне болуп жатасыңар, менден кутула албай жатсаңар азыр кетем! - деп Сааданын артынан жүгүргөн бойдон жөнөдү. Артур Зуураны жаман көрө карап ордунан туруп кетти.

- Ушундайыңды койбой бизге душмандык кылып отурасың, ал кыз сага эмне кылды? - деп жини келип кагып-силкип туруп кеткенде Зуура:

- Бул кыз энесине окшоп турат, Өскөнбайдын кызы экенин дароо билдим, андан көрө Кабылдан чыныгы атын сурагылачы, силер эми кайра Өскөнбай менен куда болмок белеңер! - деди күнөөлүүдөй.

- Эмне, Азима төрөгөн кызбы, Саада дейсиңби? - Рая ойлуу кайненесин караганы менен оюнда: "Кимге окшоштуруп жатам десе, ырас эле Азиманын өзүнө окшош болгон экен, Кабылга түшүндүрүп айтып коюшум керек, ошого болоор бекен", - деп Артурдун артынан чыкты, ал эки жакты карап чылым чегип турган экен.

- Кабылың кайда кеткенин таппай калдым, кыздын артынан кетти окшойт, - деп Раяны көрүп бери басты.

- Эми эмне кылабыз? - деп Артурга жакын келди Рая.

- Эмне кылмак элек, алып бериш керек.

- Мен аны айтканым жок, бул Саада го, Өскөндүн кызычы?

- Ким айтты? - деген Артур дагы жана бирөөгө окшоштурганын эми ойлоду: "Балакет ба-ас, эмне дейт ыя, ырас эле Саада го, Кабылдан үч жаш кичүү болчу, жыйырмага чыгып калды, Өскөн бир кызын окутпай эмне болуптур, мен макул болгондо дагы ал болбосочу", - деп унчукпай өз ою менен алышып калганда:

- Ой сага эмне болду, талкан сугунуп алгансыбай бирдеме дебейсиңби? - деп Рая үн катты.

- Эмне дээримди билбей да калдым, а балким башка эле болсочу?

- Билбейм, желмогуз энеңдин айтканы.

- Ошо желмогуз мени жолдон чыгарды эле, эми балдарга да зыяны тийе турган болду, эми балаң кайда кетти?

- Кайдан билем, жан алгычты көргөнсүбөй кеткенден кийин айтса деле болот эле го? - Рая кайненесине ачуусу келгенин билгизе күйөөсүнүн жанында турду, аңгыча Добул чыкты:

- Силерге эмне болду?

- Үйдөгү жез кемпир өлмөйүнчө бизде тынчтык болбойт го, аны алда качан эле карылар үйүнө жеткирип коелу десе мына бул болбойт.

- Койсоңчу Рая, сени кийин ушул балдарың ошентсе жакшы болобу?

- Кудай анын бетин ары кылсын, өз балдарым го? - Рая чоочулай карады, - Мен ушуларга сага ошол кылганды кыла койбойм Артур, өмүр бою унчукпай келе жатат, балдарың билбейт сени эмнеге тууган уругуңдан, эл-журттан безип жүргөнүңдү.

- Койсоңчу Рая, балдар билбеген бойдон калганы жакшы, - деген Артур тайсалдай үйгө кирди, анын артынан Добул менен Рая кирди, Зуура ордунан жыла албай ыйлап отурган экен:

- Апа, ордуңа жаткырайынбы? - деди Артур келип.

- Мени жанагы карылардын үйүнө алып барып кой балам, суук тумшук көрүнүп ушул жерде жатканча алар эптеп көмүп коеор, - деп ого бетер Артурдун жумшактыгын билгендиктен ага даттана баштады, - Эртең эле мени жеткир балам.

- Койсоңчу апа, менин көзүмдүн тирүүсүндө сен ушул үйдө болосуң, ал жакка алып барбайм, тынч жатып эс ал эми, - деп колтуктап алып чыгып керебетке жаткырып кымтылап жаап койду. Рая анын жанына келбей сары санаага батып уулун ойлонуп уктай албады, бышкан тамак ичилбей калды, Добул менен Асел ата-энесине тартынып ашканадан шам-шум этип жатып калышты. Эки баласын тойгузуп койгон эбак эле, ошентип бул үйбүлөнүн кайрадан тынчы кетип калды. Кабыл кыздын артынан чыгып ал таксиге түшүп жатканда жетип барып колдон алды:

- Соня токточу!

- Кереги жок, кое бер Кабыл, артымдан барчу болбо! - Кыз колун силкип ийди эле болбой эле Кабыл аны кайра бекем кармап өзүнө тартты:

- Кечир мени Соня, мен эми ал үйгө барбайм!

- Ата-энеңди мен үчүн кечип таштаганың болбойт, кош бол Кабыл, мен сен үчүн жокмун! - деп тартынса да болбой жалдырап жатты. Ошондо таксист.

- Чоң кыз кетесиңби же… - деди.

- Кете бериңиз байке, бул менин келинчегим, - деп Кабыл жооп бергенде таксист айдап кетип калды.

- Кабыл, ал эмне дегениң? - Саада аны тикирейе карады, - Уят эмеспи?

- Алтыным, сен мени сүйөсүңбү же жалган беле айткан сөздөрүң, - Бекем кучактап алды, алардын дал тушунда көпүрө бар эле, Кабыл ал тарапты бир карап алды да, - Эгерде сүйгөндүгүң жасалма болсо ушул көпүрөдөн секирем!

- Кабыл, сен мени чабал деп ойлоп калдыңбы, ошол сөздөрдөн кийин мен сага кантип ишенем, үйбүлөң кабыл албагандан кийин мени кыйнаба да, - деп бошонууга аракет кылды.

- Кое бербейм, сүйгөнүң чын болсо далилде.

- Сенин далилиң ошол болдубу?

- Ал үчүн кечирим сурайм, чоң энем алжыган неме, атамдар сага эч нерсе деген жок го?

- Баары бир, кары кишинин батасы жаман.

- Кечирип койчу, ошол алжыган как баш үчүн.

- Эмне дедиң? - Саада жаман болуп кетти, - Чоң энеңди ошентип айткандан уялбайсыңбы?

- Соня, түшүнсөң мени, ал менин чоң энем эмес, өгөй экен, атамды багып алыптыр, ошону үчүн сүйлөп жатат, - Кабыл актана кетти.

- Баары бир эмеспи, сенин атаңды бакса демек эмгеги бар, силерди да чоңойткондур, чоңоюп алып карыганда минтип айтканың болбойт Кабыл, Саада ага тигиле карап жумшара сүйлөдү, - Канткен менен эне да.

- Кечир, сенин жүрөгүңдү оорутканы үчүн эле айта салдым, - деп кызды аста саамайынан сылап чекесинен өөп койду. Экөө көпкө сүйлөшүп көпүрөнүн үстүндө турушту, бири-бирин түшүнгөндөй болду. Анан таксиге отуруп Сааданы жашаган жерине жеткирип кайтты Кабыл. Эшик ачылганда ойго жаткан Рая чыга калды.

- Келдиңби балам?

- Ооба, - Күңк этип өз бөлмөсүнө кирип баратканда артынан:

- Кардың ачкандыр, - да Рая тайсалдай акырын үн катты.

- Тойгуздуңар го, жетет ошол!

- Кабыл, өз энеңе каяша айта турган болгонсуңбу?

- Апа кечир, мен эми силер үчүн эч ким эмесмин, каалаган кызыма уят кылдыңар, жанагы желмогузуңарды айтпайсыңарбы киришпесин.

- Кой балам, ал кары киши эмеспи.

- Өлүп кетсинчи ошонуңар, - деп бөлмөсүн тарс жаап кирип кетти, Рая аны карап туруп жатаканасына кирип жатып калды: "Мейли аман-эсен келди, тиги жексурду экинчи кийлигишпе дебесемби, балдар өздөрү бири-бирин сүйсө эмне кыла алабыз, арга жок макул болобуз да, тагдыр кайрадан кошуп жатса кайда бармакпыз", - деп ойлонуп көңүлү жайлана уйкуга кирди.

Саада аябай ыза болуп таежесиникине барып жаткандан кийин ыйлап жатты: "Эмнеге менин тукумум анын үйбүлөсүн бузат, эмнеге мени сур жылаандай деп жаман көрдү, биз бири-бирибизди сүйсөк да алар каршы болушат экен го, атам укса эмне дейт", - деп ойлонуп жатып кеч уктады.

Артур катуу ойлонуп калды, окуу жайдын деканына барып Сааданын аты жөнүн тактап дароо эле билди, ойлуу жумушуна келди да бир жакка телефон чалды:

- Ало, мага келип калчы, - деди да башын мыжыга көпкө отурду, бир кезде маңдайы кашка, чачы жок, жапалдаш бойлуу адам кирди.

- Ас-салоому Алейкум!

- Алеким - Салам, кел отур Камбар.

- Кандай иш?

- Бир зарыл иш бар, сен мына бул адамды таап, куда болооруңду айткын, эгер моюн толгосо өзүң билесиң, жакшы сүйлөшсө жакшылыкча жооп алып кел.

- Жарайт, - деди да өйдө болду Камбар.

- Мына бул жолуңа, - деп конвертти жылдырды Артур, кашка баш акырын кабинетинен чыгып кетти, - Демек макул болсо түндөп өзүм барамын да апамды ала барып, Байтур байкемди ортого салып кечирим сурайм, балдарга каршы болбойлу дейм, - деп сүйлөнүп жатты. Кийинки кездери Өскөнбайга өзү барып кечирим сурагысы келип жүргөн, мунун баарына Зууранын күнөөлүү экенин айткысы келген, ортодо мындай окуя болоорун билген эмес. Эки күндөн кийин Камбар Артурдун кабинетинде болду.

- Жакшы кабарбы? - деди Артур ага.

- Жакшы кабар, бирок кызым өзү каалаганга чыгат деди.

- Эң сонун, балдар ансыз дагы бири-бирин сүйөт, - деп Артур Камбарды жылмая караганда Камбар.

- Сардар байке, бир сырдуу кишисиз да, куда сиз болосузбу же менби? - деди күлө.

- Мен болом, ал менин тууганым, экөөбүз арыздашып калганбыз, балдар анда жаш болчу, жыйырма жылдай алыста болуп калганбыз.

- Эчтеке эмес, балдар табыштырат экен анда.

- Ошондой болуп турат, - Ойлуу кагаздарын карады.

- Мен кетейин, - Камбар ордунан козголду.

- Мына, калган акчаң, - деп Артур конверт сунду.

- Рахмат, кандай ишиңиз болсо да даярмын, - деп Камбар кол алыша чыгып кетти, Артур унчукпай ручка менен үстөлдү тык-тык эттире ургулап отура берди. Кечинде үйүнө келип Кабылдын үйгө келбей жатканын билди, түндө келип таң атпай кетип калып жатканын укканда:

- Рая, айылга барганга даярдан, - деди.

- Кайда, кимдикине барабыз? - Рая элейе карады.

- Саадага сөйкө салабыз.

- Эмне, сени кабыл алабы?

- Көрөбүз, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, Өскөн жакшы жигит, апамдын тилине кирип ит болдум, мойнума курумду салып кечирим сурайм, - деп Артур ойлуу чылымын түтөттү.

- Кантип барабыз Артур, бетибиз чыдайбы, кылмыштын изи жабылды деп уялбай барабызбы, же өлөсөлүү кемпирди күнөөкөр деп айтабызбы?

- Ооба, ал жагын мага кой, балам үчүн баарына барам, булардын сүйүүсү үчүн мен баарына даярмын, кийит-кеченин жакшысын ал, кымбатына караба, Байтур байкемдерге дагы кийит-кече алгын, алар менен бир тууган экенимди ачык айтууга убакыт жетти, - деп кайра-кайра чылымын түтөтүп үй ичинде ары-бери басып жатканда Рая ага боору ооруду, анткени Зуурадан тартынып бир дагы жолу аны бир тууганым дей албагына ичинен кейип кайненесин жек көрүп кетти. Эки күндөн кийин Артур өз машинасы менен Добул өз машинасы менен эки баласын, аялын салып эки машина кубалашып кетип жатышты, Артур миллион сомду тартуу кылып алып кетип жаткан. Ашууга жеткенде күзгү жаандан музга айланган жолдон тайгаланып Артурдун машинасы артка тегеренип барып ала салып кетти, Добул эптеп түзөңгө токтотуп артка жүгүрдү, рулдагы Артурдун оозу мурдунан кан кетип эч нерсе билбей калган экен, аны сууруп алып анан апасын алып чыкты. Кабыл да башынан тийип эси ооп калыптыр, баарын алып чыгарып чыркырап бакырып жатканда боору ооруган жүргүнчүлөр кайрылбай кое албады, Кабыл менен Рая эсине келип жарданган элди көрүп Артурдун башы жөлөп ыйлап жаткан Добулду көрүп араң жетти:

- Артур, көзүңдү ач Артур, балдарыңды коркутпа! - деди муундары калтырай.

- Доктурга алып барыш керек, - деди элдин ичинен бири.

- Бол Добул, ооруканага алып баралы, - деп Рая дагы чыркырап ийди, заматта Артурду көтөрүп Добулдун жанына отургузуп айдап жөнөдү. Райондук ооруканага келгенде Артурду дароо эле операция бөлүмүнө алып кирди, кабырга сынып өпкөгө кирип кеткен дешти, үч саат операция болуп анан врач чыкканда Добул:

- Атамдын акыбалы кандай? - деди утурлай кабатырлана.

- Жакшы, эч коркунуч жок, - деп ары басты, Рая менен Кабылды да ооруканага жаткырышты, Кабылдын мээси чайкалган деп кыймылдабай жаткын деди врач, Раянын чекеси жарылып, буту сыйрылып кеткен. Анын тынчы кетип Артурду сурап жатканда Добул кирди:

- Атамдын абалы жакшы апа, буйруса жакшы болуп кетет.

- Ошентсин, кырсыкты карачы балам, ушунун баары үйдөгү жез кемпирдин кесири, балким атамдын арбагы кабыл албадыбы, атаңдын күнөөсү оор, - деди онтолой.

- Чоң атамды билем го, ага эмне кылды эле?

- Кийин билесиң, Кабылды көрдүңбү?

- Аны врач кыймылдаба деди, мээси чайкалган дейби?

- Этият болсун, сен машинадагы акчаны мага алып келип бергин дагы айылга барып Өскөнбай байкеңдин үйүн сурап таап атаңдын абалын айт, Байтур дегенди да тап, экөө коңшу турат, - деди Рая.

- Апа, мен алардын үйүн жакшы билем го, Кабыл билбеши мүмкүн, мен даана билем, - деди Добул.

- Анда баргын дагы атаңдын акыбалын айт.

- Макул, келбесечи?

- Келбей койбойт, Өскөн андай киши эмес.

- Кеттим анда, жүктөр жүрө берсинби?

- Ой жүктү, Аселди балдар менен Байтур абаңдыкына жеткирип кой, мен бир аз жакшы болсом өзүм дагы атаңды карап турам, - деди Рая. Добул машинасынан акча салынган сумканы алып келип Раяга берип кайра чыкты да айылды көздөй жөнөдү. Бирок ал өзү баргысы келбей жолдон бирөөлөрдөн кат жазып берди да кетип калды. Катты Добул: "Артур деген агаңыз авариядан катуу ооруп жатат, абалы оор, киши тааныбайт", - деген гана жазуу бар эле. Байтурга дагы кыскача ошондой деп жазылган. Ал эмне кылаарын билбей турганда Байтур келди:

- Өскөн, Артур райондо жатат деп бирөө келип кетти го?

- Мен дагы таңгалып турам, канча жыл мурун дайынсыз кеткен эле, райондо качан пайда болду экен? - деп Өскөнбай Байтурду карады.

- Мен дагы таңгалып турам, эмне кылдык, сен барбайсыңбы?

- Барыш керек, андан кетсе дагы менден кетпесин.

- Кой анда, мен кийинип келе калайын ээ? - деп Бечара Байтур Өскөндөн өтүнө албай турганда ал:

- Тез келиңиз байке, эртерээк баралы, акыбалы оор болсо жанында бололу, - деди эле Байтур шашыла үйүнө жөнөдү. Анткени катты алып келген киши Өскөнбайга дагы бергенин айткан эле. Добул Артурдун жанында отурган эле, ал операциядан кийин да эсине келе албай дөөрүп, ысытмасы көтөрүлүп тынч ала албай жаткан эле. Түн бир оокумда Байтур менен Өскөнбай кирип келишти. Ордунан тура калган Добул.

- Ассалоому Алейкум! - деп экөө менен кол алыша учурашып калды.

- Добулсуңбу? - деди Өскөнбай учурашкан соң.

- Ооба.

- Кайда бараттыңар эле?

- Сиздерге баратканбыз, - Добул жер карап жооп берди.

- Ата, ата мени кечир, ата мени кечир! - деп ошол убакта Артур чабалактап жатты, - Кечир ата, мени кечир!

- Ата, эсиңизге келиңизчи, көзүңүздү ачыңызчы, - деп Добул эңкейип кара терге түшүп жаткан атасынын терин аарчып жатты, ошол убакта Өскөнбай жакын келди:

- Байке, биз келдик, көзүңдү ачсаң байке!

- Артур, биз келдик, эсиңе келчи, - деп Байтур колун кармалады.

- Ата, ата токточу, мени кечир! - деп Артур дагы эле дөөрүй берди эле Өскөнбай сестраны чакырып келип укол сайдыргандан кийин эс алып көөшүлө уктап кетти. Андан кийин Кабылдын палатасына киришти, анын башы таңылуу эле, бир аз жеңил болгондуктан тура калмак болгондо Добул:

- Кыймылдаба, жата бер деди шашыла.

- Оо чоңоюп экөөңөр тең киши болуп калыпсыңар го? - Өскөн менен Байтур эңкейип өөп коюшту.

- Апам дагы биерде, - деди Добул андан кийин. Ээрчише Рая жаткан бөлмөгө киришти, анын башы таңылып буту таңылуу эле, аларды көрүп өйдө боло калды.

- Келиңиздер.

- Кандай жакшысызбы? - Өскөнбай жанындагы отургучка отуруп жатып учурашты.

- Жакшы-жакшы, өзүңөр жакшы жатасыңарбы, Саада чоңоюп жүрөбү? - деп Рая Өскөнбай менен учурашты да Байтурду карады, - Сиздер кандайсыздар, жеңем жакшы жүрөбү, балдар кандай байке?

- Кудайга шүгүр балам, өзүңөрдү кудай сактаган тура.

- Ооба, кудай бир сактады Байке, - деп шуу үшкүрүп алды.

- Аман калыпсыңар, бу да болсо ырысыңар бар экен, этият болбосо азыр жол жаман, - деди Өскөнбай. Башка эч нерсе дебеди, бир аздан кийин дагы Артур кыйналып жатат деп дүрбөп анын палатасына келишти, Рая сылтып зорго келди:

- Ата, ата! - деп Артур башын чайкап улам көтөрүлө калып жатты, анын эки сөзүнүн бир эле "кечир ата" - деген сөз болуп жатканына баары күбө болуп: "Ызактын арбагы көзүнө көрүнүп жаткандай сезип турушту. Түнү бою ооруканада болушуп эртең менен врач келгенде Өскөнбай сүйлөшмөк болду эле ал аты жөнүн сурады. Издеп келип:

- Андай адам түшкөн жок эле, - деди.

- Түнү бою кыйналып чыкты, Айдаралиев Артур Ызакович деген авариядан келген адам.

- Аа-а, Кемелбеков Сардар Кубатбековичти айтып жатсаңыз керек иним, - деди.

- Кандайча?

- Ошондой, бизге баласы ошондой деп айткан.

- Кечиресиз, - Өскөнбай кызык абалга туш болду: "Көрсө биротоло качкан экен, из жашырган экен, анда неге мени чакырды, атамдын атын алып жүргүсү келбеген немени эмне кылам, мага жасаган жамандыгын эске албай жетип келсе", - деп коридордо көпкө турду.

- Өскөн, - деп Байтур анын жанына келди.

- Байке, Артур байкемдин аты-жөнүн которгонун билчү белеңиз?

- Качан которуптур?

- Кайдан билем, мен Айдаралиев деп издетсем? ?????

аты-жөнү таптакыр башка.

- Ким билди???????????????

- Менден биротоло кеткиси келген экен, унутаарда жарамды сыйрып кайра пайда болду, менде кандай өчү бар деги?

- Өскөн, мен эчтеке билбейм балам, ошол бойдон мен деле азыр көрүп жатам го?

- Сизде айып жок байке, неге байкем ушундайга барды менин оюм таза эле, кылмыш кылып аялымдын өлүмүнө себепкер болуп дайынсыз кетип атын өзгөртүптүр, ушунун баарын эмне үчүн, ким үчүн жасап жатат, мага өчөшкөндөй эмне жамандык кылдым?

- Мен билсем кана? - Байтур тайсалдай жер карады.

- Мен врач менен сүйлөшүп жакшылап дарылашсын деп ойлогом, көрсө башка ат менен келиптир да, - Өскөнбай күйүп-бышып жатканда Добул алардын жанына келди:

- Атам көзүн ачты.

- Ыраспы? - деп алып Байтур Өскөнбайды карап туруп калды.

- Жакшы болгон экен баралы, - деп ал алдыга жөнөдү. Алар киргенде Артур шыпты карап жаткан экен.

- Кандай акыбалдарыңыз жакшыбы? - деди Өскөнбай саал тоңдоосун карап.

- Жакшы болуп калдыңбы? - Байтур да келип жанына отурду.

- Жакшы…

- Баары артта калды, эмкиси эчтеке эмес.

- Рахмат силерге, - деди Артур онтолой.

- Эчтеке эмес, туугандык парзыбыз…

- Кайдан уктуңар? - деди Артур кайда экенин билбей, - Шаарда белеңер? - Ал оюнда шаардагы ооруканадамын деп ойлогон, ошол убакта Рая кирди:

- Жакшы болуп калдыңбы, жүрөктү түшүрдүң го, жанагы энекеңдин кесиринен өлүп кала жаздадык го, ошону жоготпосоң бизди бир балээнин тооруганы тооруган, - Рая ыйлап жатты, - Жашаарын жашады, дегеле топук кылбайт.

- Кой Рая, - деп колун көтөрдү Артур, - Аны өз жайына кой.

- Ошону коргоп, өл десе өлгөнгө чейин барасың го?

- Жеңе, байкемдин азырынча абалы жакшы эмес, андай сөздүн кереги эмне, карыган адамдын күнөөсүн көтөрбөй эле коюңуз, - деп Өскөнбай Раяга кайрылды, - Ал кишинин кыял-жоругу сөөгү менен кетпесе, калышы кыйын.

- Ай бала-бала, сендей тегиз адамдын кадырына жете алган жок, ошого кудай көрсөтсүн, экөөңөрдүн араңарды да ошол алыстатты го?

- Мейли, ар бир адам өз күнөөсү үчүн бир кезде жазасын алууга тиешелүү, - деп ары басты, палата ээн эле, Артур көзүн жума онтоп алды.

- Мен кыйналып кеттим Рая, келин менен балдар кайда?

- Сиз райондосуз, бизге кимдир бирөө жөн гана кат берип ийиптир, - деди Өскөнбай. Ал ички оюн сыртка чыгарбады, Артур бир аздан кийин кайра ысытмасы көтөрүлүп кетти, врач келип:

- Көп тынчын албагыла, али жарааты камдаша элек, көп тегеректебегиле, жакшы болмоюнча бирден кана кирип тургула, - деди.

- Эмне керек болсо баарын жасай бериңиз, акысынан кабатыр болбоңуз, эртең өзүм келем, - деди Өскөнбай, - Башкысы агам сакайып кетсе болду.

- Баары төлөнгөн, керектүү укол дарылардын баарына төлөп койгон.

- Ким? - деди Өскөнбай.

- Баласы жүрөт го?

- Аа-а, - деп унчукпай калды. Анан сыртка чыгып Кабыл менен Раяга коштошуп коюп Байтур экөө үйлөрүнө карай жол тартышты, Рая аларга абдан ыраазы болду, айрыкча Өскөнбайга ыраазы болуп жатты: "Кантсе дагы жакшы адамдын баласы да, эне-атадан жашында айрылган байкуш Артур Зууранын эле тилинен чыкпай ушундан чыгып алды, эми табышып калышса экен", - деп ойлонуп жатты. Добул эки баласы жана аялы менен аябай кыйналып турган, жолдо келе жатып Өскөнбайды көрүп сигнал берди эле алар токтоп калганда Добул басып келди.

- Кетип жатасыздарбы?

- Ооба, эртең келебиз го, өзүңөр кайда болуп жатасыңар?

- Тааныш жок, машинада түнөп жатабыз, - деп Добул күлүп калды.

- Ошо кантип болсун, келин менен балдарды ала кетели, алып кел, - деди Өскөнбай буйрук кыла, - Ооруканадан чыкканча биздикинде болушсун.

- Макул байке, жөн алып баргандан уялдым, - деп машинасына барып буюмдарын, алып келген каробкаларынын баарын салыштырып, Асел менен балдарын Өскөнбайдын арткы орундугуна отургузуп анан коштошушту.

- Жакшы барыңыздар.

- Эртең келип калабыз, атаңды жакшы кара, - Өскөнбай күлүмсүрөй машинасын ордунан жылдырды. Короого киргенде эле Дарийка терезеден карап чыга калды.

- Жакшы бекен?

- Жакшы, кудай сактаптыр, - деп Аселди балдары менен үйгө киргизип талпынып жөрмөлөй баштаган уулдарын көрүп кулачын жайды:

- Алтындарым десе, сагындыңарбы атаңарды? - Улам бирин өөп, жыттап кубанып жатты, - Мына туугандарың келди, силерди ойнотот, көрдүңөрбү балдарым? - деп Добулдун чоочуркап турган балдарына кайрылды, - Мына силердин иниңер болот, ойнойсуңарбы?

- Ооба, - деп болжурады улуурагы, Нурсултан беш жашта, Бексултан эки жарым жашта эле, Асел Дарийка менен бат эле ымалашып ашканага киришип кетти, кыларман аял билерман дегендей өзү билип жасай коюп келгенден эле отурган жок. Дарийка тим кой дегенине көнбөдү. Эртеси эрте туруп бир козуну союп этин бышырып алып, бир койду тирүүлөй салып алып Байтур экөө жетип келишти. Артур кечээгиден жакшы болуп калган, Рая дурус болуп калганга Кабылга тамак берип, бир Артурга тамагын ичирип эбелектеп жүргөн, Өскөнбайлар келип эле врачтын кабинетине козунун бышкан этинин жарымын, арак-шарабы менен киргизип берди, койду кайда алып бараарын акырын сурады эле дарегин айта салды. Аны Добул жеткирип келди да үчөөнү чогуу ашканасына алып кирип тамактандырды, Артурга жанына отуруп алдына беришти, Рая менен Добул аябай ыраазы болуп жатты. Артурдун кекиртегинен бир кесим эт өтпөй Өскөнбайдын жүзүн кароо ал үчүн өтө оор болду. Өкмөттүн сотунан дагы ага өзүнүн абийир соту оор болду. Экөө тең ичтеринен тынып ал-акыбал сураган болот, таарынычтын бир гана пардасы экөөнү эки жакта кармап турду. Добул аны кайдан билсин, бакылдай Өскөнбайга карады:

- Байке, мен бала кезде билчүмүн, эмнеге ушунча жыл катышпай жүрдүңүз, атам бизди чогуу алып сиздерге алып келе жаткан эле, кудай жакшы экен аман калдык, сиздер бар экенсиздер, апам сиздерге мени жибергенде кабыл алабы-албайбы деп кат жазып берип жиберсем келип калдыңыздар, - деп ыраазылык билдирип жатты.

- Жашоо, тагдыр деген ушул тура иним, менин башымдан көп нерсе өттү, кызымды жалгыз чоңойттум, - деп акырын көз кыйыгын Артурга жөнөттү Өскөнбай, - Эки жыл мурун үйлөнүп жакында гана балалуу болгом, эгиз уулдарым азыр жөрмөлөп калды.

- Болсун-болсун, - деп жиберди Артур.

- Болсун, жакшы болгон тура, - Рая дагы кубаттады.

- Ошондой, адамдын көтөрбөскө чарасы жок экен.

- Келин бала ошол айылданбы?

- Ооба, өз айылыбыздан эле.

- Жакшы болуптур, - Рая күйөсүн карады, - Биз силерге келе жатканбыз, кырсык каш кабактын ортосунда деп…

- Апам кандай жүрөт?

- Апам эки жылдан бери ордунан жылбай калган, - Артур жооп берди.

- Жаман болуптур, көрсөттүңөрбү анан?

- Бир жыл ооруканада болду, эч жылыш болбоду.

- Ала келсеңер болмок экен.

- Өзү бара албайм деп койду, убактылуу бирөөгө каратып келдик эле.

- Эми өзүм барсам алып келейин, мен эне көргөн жокмун, өгөй болсо дагы атам барында апа деп калдым эле, арбак-кудай үчүн өлгөнчө мениин колумда болсун, - дегенде Артурдун көздөрүнөн жаш куюлуп жаздыкка тамып жатты:

- Алың жетсе кечир мени, алсыз кемпирдин сага күнөөкөр деп айталбайм, - Мен дагы эне жытын сезбей өсүп ошону өз энемдей көрүп айтканын жасап келдим, кечир мени Өскөн, алдыңа чөгөөлөп кечирим сурайын деп үйбүлөм менен келе жаттым эле…

- Кечтим байке, эбак кечип койгомун, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген эмеспи, кечиримдүү болгонубуз жакшы, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч дейт, кекти каапырга бериптир, биз момун элбиз, кечирдим! - деп ыйлап жаткан Артурду колунан кармай калды, - Ошондо неге мага кеңешпедиңиз, бир тууган болбосок дагы бир үйдө өсүп, бир төшөктө тебишип жатып, бир казандан аш ичип өспөдүк беле?! - деп Өскөнбай дагы өңгүрөп ыйлап ийди, ал өзү жашык эле, ушул ирээт ызасынан өзүн-өзү токтото албай жатты, - Биз бир туугандай эле эмес белек?

- Кечир, кечир, кечир Өскөн, бир тууганым… - Артур дагы муңканып үнүн чыгарбай көз жашын төгүп жатты, Добул таңгалып сөз сүйлөөгө кудурети келбей элейе карап: "Эмнеге атам кечирим сурап жатат, кандай күнөөсү бар болду экен, ушунчалык күнөө жасаса ошол бойдон келбей койбойт беле бизди дагы уятка калтырып" - деп ойлонуп тура берди. Рая ичинен кубанып жатты: "Өскөн жакшы адам, бала кезинен боорукер болчу, ушунчалык да пейили кенен адам жаралат экен да, кудай бере турган бала", - деп ойлонуп экөөнү карап туруп ал дагы ыйлап ийди:

- Экөөңөрдү эки бөлгөн адам оңбосун, көз көрүнөө өгөйлүгүн кылып койду, эми өлмөсөк болуп жатат, колумдан келсе ошону муунтуп өлтүргүм келген, бирок алдын ала билбегенимден гана токтоп калдым.

- Эчтеке эмес, биринчи адам себепчи, андан кийин кудай күбө, ар ким өзүнө жараша жазасын алат, - деп көз жашын бет аарчы менен аарчып өйдө болду. Алар ошентип отурганда сестра келип укол сайып кетти, Өскөнбай кетмек болуп коштошуп чыкканда Байтур дагы коштошуп чыкмак болду, ал өзүнөн-өзү коркуп да, уялып да коруна берет, кээде иниси болгону үчүн анын кылмышы үчүн күнөөкөрдөй сезе берчү болгон. Эми дагы анын артынан чыкмак болду.

- Байке, Аселдер кайда? - деди Рая.

- Өскөндүн үйүндө.

- Ийи, мейли анда.

- Кам санабагыла, Өскөн өзү алып кетпедиби, мен эчтеке дей албадым.

- Мейли аке, бара бериңиз, эми убара болбогула жакшы болуп калды.

- Жакшы тургула, - деп Кабылга дагы кирип чыкты. Ошентип Артур бир гана өлүп кала албады уятынан, ошол авариядан өлүп калсам болмок экен, - деп да ойлоп жиберди, бирок тагдыр адамды баспайм деген жолду бастырып, көрбөйм дегенди көрсөтүп, тамашасына далай кабылтат эмеспи. Бир ай дегенде Артур ооруканадан чыгып Өскөндүкүнө келди. Ал бир аз күн мурун барып, Зуураны алып келип алган, даректи Добулдан алган болчу. Эч нерсе болбогондой гана улак союп түлөө өткөрүп жатты. Артур андан бетер кичирейип элдин ичинде баш көтөрө албай отурду. Андан кийин Байтур коноктоп кой сойду, Добул аял, бала-чакасы менен шаарга кетишкен, анткени фирмасынын ишин текшерип баш-көз болгону кеткен эле. Кабыл башы ооруп жүрүп ата-энесинин жанында болчу, кыш келип калганда Саада келип калды. Баягы кемпирдин өз үйүндө отурганын көргөндө таңгала карап коюп сыртка атып чыкты да:

- Апа, бул кемпир эмнеге бул жерге келди? - деп сурады Дарийкадан.

- Ал сенин чоң апаң кызым, - деп жылмая карап кучакташа көрүштү Саада менен.

- Кантип, мурда эмнеге келбечү?

- Билбейм кызым, ооруп калганда атаң алып келди.

- Жаман кемпир, көргүм келбейт, - деп ички бөлмөгө кирип Асан-Үсөндү өөп эркелетип отурганда Кабыл кирди, - Кабыл, сен кайдан жүрөсүң бул жерде, - Ордунан тура калды.

- Соня, а сен…

- Бул үй меники.

- Кызык, - Кабыл Сааданы тиктеп туруп калганда ал дагы сөз таппай калды, экөө бири-бирин тиктеп турганда Дарийка кирип келди:

- Бир туугандар эмнеге тиктешип турасыңар?

- Бир тууган, кандайча? - Саада Дарийканы бир, Кабылды бир карап тура берди.

- Көптөн бери катышпай жүрүшкөн экен, жакында келишти.

- Кызык, - Саада сыртты көздөй чыгып кетти, Кабыл дагы эчтекеге түшүнбөй турган жеринде катып калды, Дарийка ал экөөнүн көз карашынан бир нерсени сезип: "Булар мурда тааныш болсо керек", - деп коюп өз ишине киришти, Артур менен Рая сырттагы бакты карап өздөрүнчө сүйлөшүп турушкан, жүгүрүп чыгып ажатканага кетип жаткан Сааданы көргөн Артур Раяны нукуду:

- Мына кызык, көрүп ал эми, балаң эмне дээр экен?

- Ко-окуй, бул Саада го?

- Ошол экен, акырын сүйлө, билмексен болуп кой, - Экөө шыбыраша сууктан чыйрыга ичке киришти, алар кирип келе жатканда Кабыл алдынан чыкты:

- Ата, мен шаарга кетем, жолума бериңизчи.

- Эмнеге, бир-эки күндө чогуу кетебиз да.

- Жок, бүгүн эле кетем.

- Отур! - Артур катуу айтканда Кабыл унчукпай ичке кирип кетти.

- Жөн кой, барса барсын, уялып жатса керек, - Рая күйөөсүнө карады.

- Кетпейт, чогуу кетебиз, - деп күңкүлдөй Артур ичке кирди, алар төркү бөлмөгө киргенде Дрийка дасторкон салып чай алып келди, Саада такыр балдардын бөлмөсүнөн чыккан жок, Өскөнбай иштери менен кеткен, кечинде келгенде Сааданы көрүп төркү бөлмөгө ээрчитип кирди, канчалык тартынып кирбейм дегенине болбой.

- Байке, мына менин кызым Саада, чоңоюп калыптырбы?

- Ооба-ооба, кел келе гой кызым, - деп Артур өзүнө чакырды, төрдө отурган Зуура ага курулай жалынып кирди:

- Садага болоюн десе, көрүнгөн тоонун ыраагы болбойт деген ушул, кечээ эле сакадай кыз эле, минтип чоңоюп калган тура, кел садага, - деп эки колун созду, Саада аргасыз келип өөп жатканда жини келип зорго чыдады, катары менен Рая дагы өптү. Саада дароо чыгып кетти, Кабыл жер карап отурган бойдон баш көтөрбөй отурду: "Кызык эле болду го, булардын ортосунда бирдеме болсо керек, чоң энем аябай ачууланды эле эми жасакерленип жатат, мен сүйгөн кыздын өзүмө карындаш болуп калганы өкүнүчтүү да, кызык да болду го, Соня эмне деп ойлоп жатты экен", - деп ойлонуп жатты:

- Ушу кызым окуусун бүтсө мектепке мугалим болот буйруса, - деп Өскөнбай бапыраңдап жатты, - Жалгыз өзүм жетелеп жүрүп чоңойттум, башка бирөө кагып-силкип коебу деп аяганымдан го?

- Анан эмне, Саада өзү дагы кичинесинде эле тың кыз болчу, - Рая шыпшына сүйлөдү, - Бойго жеткен кыздын жоосу көп болчу эле, этият болсун эми.

- Кызымды күйөөгө бербейм жеңе, окуусун бүтүп иштесе, эки жакка барып жер көрөт, шашылганда эмне, келээрки жылы Америкага жөнөтөйүн деп жатам.

- Уурдап кетип калсачы? - Рая күлүп калды.

- Алып келип алам, жашында күйөөгө тийип эмнени көрмөк эле, кызымдын максаты ишке ашса чет өлкөлөргө барып эл-жер көргөнү жакшы эмеспи, - деген Өскөнбайды Кабыл карап отурду. Андан кийин тамак алып келди Дарийка, аштын алдын Зуурага сунуп алдына койдурду. Өскөнбай, ал ичинен: "Таш менен урганды аш менен ур дейт, эси болсо каталыгын эстеп уялып жаткандыр, эми мага кимди каршы кое алат, ким мунун кебин угат", - деп ойлонуп жатты. Артур дарылангандан калган беш жүз миң сомун Өскөнбайга бермек болуп кетээринде Өскөнбайга карады.

- Өскөн, мени кечир, мына муну ушул эки бала үчүн алып кой, арнап эчтеке алып келе албадык, билген жокпуз, - деп маңдайына келди, - Менден кеткенди кечир иним?! - Тизээлей калып суранып жатты:

- Артур байке, андай кылбаңыз, мен сизге айтчумду айткамын, бала кезден эле сизди жакшы көрчүмүн, анда жашоонун мындай өңгүл-дөңгүлү бар, тагдыр тамашакөй экенин кайдан билдик, өйдө болуңуз, - деп эки колтуктан ала өйдө кылды, - Баарын унутуп, кечиримдүү болуубуз керек байке.

- Сен кечирсең дагы өзүмдү-өзүм кечире албай жатпайынбы?

- Кереги жок, кыйнала бербеңиз байке, биз баштакыдай эле бир тууган ага-инибиз, кирсиз таза суудай дилибизди карайтпай сыйлашып өткөнгө жетеби? - Экөө кучакташып калды, Кабыл атасынын тизээлеп кечирим сураганына ого бетер кызыктай болуп кеткиси келди, бирок бир-эки күндө кетебиз, - деген атасынын сөзүнөн улам унчукпай сыртка чыгып кетти. Саада такыр эшикке чыккысы келбей Асан-Үсөндү ойнотуп, чай берип, көтөрүп алып үйдөн чыкпады, Кабыл кеткенче бир жолугуп сүйлөшкүсү келип жатты, бирок аны көргөндө эле бурулуп жолукпай жатты Саада. Кетээрден бир күн мурун Кабыл анын бөлмөсүнө кирип кат таштады, аны жатаарда бөлмөсүнө кирген Саада төрт бүктөм кагазды ачып көрүп: "Күлкүң келеби же ачууңбу", - деп жазып туруп: "Түнкү саат бирде чыксаң жолугам", - деп жазып койгон. Саада түнкү саат бирге чейин уктабай жатып эптеп жылуу кийинди да сыртка чыгып эки жакты карап туруп калды эле Кабыл үйдүн бир бурчунан көрүндү. Шырп алдырбай сырттын жарыгынан далдоолонуп времянканын ары жагына барышты:

- Эми эмне дегиң келет Кабыл, айтпаса дагы түшүнүктүү эмеспи?

- Түшүнүктүү дечи, жүрөк байкушту кантебиз?

- Ал дагы түшүнөт, - деп Саада жер карады.

- Мен баарын ойлондум Саада, биздин аталарыбыз бир тууган эмес, бирге өсүптүр, - деди Кабыл, - Мен өз оюмдан кайтпайм.

- Баары бир алар бир туугандай эмеспи?

- Түшүнүшөт да бизди, жаш болушкан.

- Мен андайга бара албайм.

- А мен сени гана сүйөм.

- Мен кайттым, атамды капа кылгым келбейт.

- Капа кылбайбыз, кайра жакындашып ысык болуп калышат, - деди Кабыл моюн бербей, - Эгерде сен минте берсең эртең бул жерде калып кул болууга даярмын.

- Жинди болбо.

- Жиндилик эмес, жүрөгүмдүн каалоосу гана.

- Өлөрмандык кылба, бирөө жарым чыгып калса уят, - Саада кымырына үйгө кирмек болду, - Жетишет, сен дагы өз бактыңды изде!

- Жок, мен сага башында эле айткамын, сага жетпесем жашабайм, сенсиз жашоонун мага кереги жок.

- Кабыл, түшүнчү мени, биз эми эч айла кыла албайбыз.

- Мен эч кайда кетпейм, сенин жаныңда болом.

- Жинди болбо, оюңдан кайт! - деди да Саада жүгүрүп үйгө кирип кетти, бирок жүрөгү лакылдап тынч ала албай бөлмөсүнө кирип жатып алып ыйлап жатты: "Неге ушундай болду, мен өз сүйүүмө жете албай каламбы, ата-энелерибиз кандай абалда калышат, эл эмне дейт, деги бул жашоо неге мынчалык катаал, көрсө чоң энеси ошого каарданган тура, ал эмнеге сур жылаан деди, менин бүлөөмдү бузгандын тукуму дебеди беле, эми болсо калп жалынып калыптыр", - деп ойлонуп Зууранын бул жерде биротоло кала турганына каршы болгусу келди. Бирок ал атасына каршы боло алмак эмес. Эрте турган Артур менен Рая Кабылды ойготолу десе ал ордунда жок экен, чоочулап сырттан издешти. Бирок анын дайыны болбоду, кыжаалат болуп ал күнү кетпей калышты. Кеч күүгүмдө ыргала мас болгон Кабыл босогону аттады. Аны машинага салып алып түндөп жол жүрүп кетишти, шаарга келгенден кийин Кабыл атасына:

- Эмнеге бардыңар айылга, менин бактым эми эч качан болбойт, Сааданы жоготтум, башканын кереги жок! - деп жинденип эшикке чыга берээрде Артур кармап калды.

- Жат үйгө!

- Жатпайм, менин суроомо жооп бергилечи, эмнеге ушунча жылга чейин катышпай жүрдүңөр?

- Ал өз ишибиз, сен суракка албай өзүңдү токтоо кармап сөздү ук.

- Эмнени угам, биз бир тууган элек деген сөзүңөрдүбү?

- Ат-таңдын оозун урайын десе, - деп Артур булка үйгө алып кирди, - Мен айткандай гана болот, өзүм билем десең атам дебей каалаган жагыңа басып кет да кайрылып келбе.

- Эмнеге ата, эмнеге мен өз сүйүүмдү коргой албай кала беришим керек, биз бири-бирибзди сүйөбүз!

- Тынчтанып кебимди укчу.

- Биз бир тууганбыз, эл укса уят, башка эле кыз тап дегени турасызбы? - деп Кабыл ыйлап туруп айтты.

- Жок, бир аз өзүңө келчи, сүйлөшөлү.

- Мына, угуп жатам Кемелбеков Сардар Кубатбекович!

- Бас жаагыңды! - Артур Кабылды тынчтандырып койду, - Мен өзүм Өскөнбай менен сүйлөшөм, эгерде оң жооп берсе эртең эле үйлөнтөм, эгерде кыз менен бала сүйлөшсүн десе анда жолуң ачык.

- Чынбы ата? - Кабыл Артурду демите суроо берип жатты. Ата-бала андан кийин сүйлөшүп отуруп Кабыл кубанып калды, Артур оюнда Өскөнбайга бирөөнү ортомчу салмак болуп ойлонду. Рая экөө кеңешип аны макул болбойт деп өздөрүнчө кыжаалат болуп Кабылдын үмүтүн үзүп коймок болушканы менен бала неме өзүнө кастык кылып алабы деп чоочулап айласы куруп жатты. Кабыл болсо күндө келгенде ата-энесинен сурай берет, бүгүн да келип эле:

- Ата, качан барасыз айылга? - деди.

- Шашпа балам, Саада эми окуусуна келет, күздө үйлөнөсүң, азыр кыш, убакыт келет, - деп Артур салмактуу жооп кылды.

- Эмнеге, ага чейин сүйлөшүп койбойт белеңер, Саада мени менен сүйлөшпөйт, кудалап койсоңор анан качпай калат го?

- Азыр кыш балам, жолду билесиң, жазга маал баралы, ага чейин чыдап тур, сүйлөшүп туруп эле дароо үйлөнтүп коебуз.

- Ошого урматтуу иниңиз болобу, Сааданы бербейм деп Америкага жөнөтүп жиберсечи? - Кабыл тынчсыздана ата-энесине карады.

- Көрөбүз балам, шартка жараша болобуз да, атаң жакшы боло албай жүрөт, сен кыйнай бересиңби? - деди Рая.

- Анда мен Сааданы башка жакка алып качып кетемин, алар да силер да таппай турган болосуңар, - Кабыл

- ???

Артур баласынан чоочулап кыш болсо дагы айылга бир барып келүү үчүн ойлонуп Рая менен кеңешип алып айылга жол тартты. Ал оюнда Зууранын ал-абалын билүү үчүн бармак болуп кийим-кече, Асан-Үсөнгө оюнчуктарды, белек-бечкек кылып алып алган. Кеч күүгүмдө келген Артурду көргөн Өскөнбай кубанып кетти, анткени Зуура катуу ооруп жаткан. Артурду көрүп Зуура баш көтөрүп:

- Келдиңби балам? - деди араң үнүн чыгарып.

- Келдим апа.

- Ырас болбодубу, - Зуура бир аз унчукпай калды.

- Ооруканага алып барайын десем болбой жатат, - деди Өскөнбай.

- Кой айланайын, ушул акыбалымда этимди тештирип үкөл салдырып жанымды кыйнабай эле койгула, - Өскөнбайга карап жылмайды, - Садагаң кетейиним десе, пейилиңден тап балам, сендей жакшы адам бир жаралат тура, - Үшкүрүп алды, - Атаң жакшы киши эле, жазбай тартыпсың кагылайын, кеч болсо дагы башка дүйнөгө көчкөнү турган кезимде кечирим сурайын, менден кеткенди кечир балам?!

- Апа, антип айтпаңыз, сизден тоодой күнөө кетсе да мен күнөө деп эсептебейм апа, врачты үйгө чакыртып дарылатайын десем болбой койдуңуз.

- Кой балам, ушу жашыма дагы ыраазымын.

- Эч жериңиз ооруган жокпу? - деди Артур.

- Жок, эч жерим оорубайт, карылыктыкы го?

- Бир көрсөтүп көрөлү апа, сиз менин төрүмдө көпкө жашасаңыз жакшы болот эле, ансыз дагы көп жылдар бою сизди эстеп кейип кетчүмүн, апамды жакшылап карап сый көрсөтө албадым деп, - Өскөнбайдын ар бир сөзү Артурдун жүрөгүнө бычак мизи тийгендей зырп этип кетип жатты.

- Күнөөм көп балам, өлөөр алдында мойнума алышым керек, мен сени өмүр бою жек көрүп келдим, сенин мээримиң баарын жеңди, сен кудайдын бир кудурети менен жаралган баласың, кызганычтын, көрө албастыктын айынан көп күнөөгө баттым, сен мени кечирдим деп үч ирээт айта алсаң анда мен тиги дүйнөгө тынч кана кете берем, өз бала сенчелик энеге мээримдүү боло албаса керек, Кечир уулум! - деди башын көтөрүп колун Өскөнбайга суна, - Кечире аласыңбы уулум?!

- Кечирдим апа, сиз мени орго салып койсоңуз дагы акаарат кыла албайм, анткени өз энемди эне деп айтууну буйрубаптыр, сизди апа дегенимден кийин сиз менин ыйык адамымсыз, - деп колунан өөп ыйлап жиберди, - Кечтим күнөөңүздү!

- Ыраазымын балам, - Зуура кайра жаздыкка башын коюп көзүн жумуп жатып калды, - Өркүнүң өссүн, ишиң илгерилеп, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун, эгиздериңдин артынан убай-чубай уул-кыздар келип үйүң базарга айлансын, эчтекеден кем болбо, элдин сыйына татыган бактылуу карылык берсин жараткан! - деп арык колдорун көтөрө бата кылды эле Артур менен Өскөнбай, босогодон кирип келе жаткан Дарийка дагы бата кылышты.

- Айтканыңыз келсин апа, ыраазымын сизге.

- Артур, - деди анан Зуура, - Артур, сага дагы ыраазымын, айкөл бала бизди кашында карап турганы үчүн уялып зорго отурасың ээ балам. Бирок биз шайтандын тили менен иш кылдык, кырк жылы согуш болсо да бей ажал чымын өлбөйт деген, алла таалам адамды жарыкчылыкка сыноого жаратат экен, эне-бала экөөбүз гана болсок деген кыска түшүнүктө жашаган экенмин, ырас сен менин тилимден чыкпадың, туубасам да тутундум деп сени Өскөндөн жакын сездим, көрсө мен көр пенде экенмин, көзүмдүн тирүүсүндө экөөңө тең ыраазымын, мен кылмышка көпүрө болуп бердим, дүйнөдөн өтөөр кезимде силерге ыраазылык берейин балдарым, эми гана туура эмес иш кылганыма өкүнүп суракта кечирим алганымды күбө кылайын деп, тиги дүйнөнүн азабынан коркуп турган чагым, өлүмдөн коркпойм, азаптан корком, мени кечиргиле балдарым! - деп экөөнүн колун кармаган бойдон оозуна жакындатып өпмөк болуп баратып колдору бошой түштү:

- Апа!

- Апа! - деп Өскөнбай менен Артур экөө тең бакырып ийгенде ал көзүн алсыз ачты.

- Апа, көп сүйлөп чарчадыңыз го, эс алыңызчы, - деди Өскөнбай.

- Ээ балам, мына эми дүйнөдөн экинчи чын дүйнөгө көчөөр адамга эс алуунун кереги эмне, - Шилекейин жута тамагын кылк эттирип алды, - Өскөн, - деди анан.

- Угуп жатам апа.

- Менин сенде дагы бир өтүнүчүм бар.

- Айта бер апа.

- Сааданы Артурга келин кылып бер, бири-бириңе жакындатат балдар, экөө көп азап тартып калат, алар бири-бирин жактырышат балам, - дегенде Өскөнбай Артурду карады.

- Кандайча апа?

- Кабыл шаарда жүргөндө Сааданы үйгө алып барган балам, Кабыл өлөм-житем деп кыйналып жүрөт, - дегенде Өскөнбай башын жерге салып отуруп калды.

- Бири-бирин билбегенден болду, - деди Артур, - Тууган экенибизди билсе ал ойлорунан кайтабы деп ойлонуп сага келгеним ошол эле…

- Ошондойбу?

- Ооба, бирок балдар ырайынан кайтпайт көрүнөт, апамды минтип айтат деп ойлогон эмесмин Өскөн, балдар шаарда жүргөндө таанышып сүйлөшүп калышкан экен, - деп Артур күнөөлүүдөй жер карады.

- Ойлонгула экөөңөр тең, балдар силерди мурдагыдан дагы жакындатып, мамилеңерди жакшыртат, - деп Зуура оор улутунуп алды да экөөнө көз карашын кадады, - Мен чарчадым, көзүм жумулуп баратат, коркпогула, мен эс алайын, - деди. Өскөнбай менен Артур сырткы бөлмөгө чыгышты, ортолорунда сөз уланбай өз ойлору менен алпурушуп отурушканда Дарийка аларды түшкү чайга чакырды. Экөө чайга отурушту, сөз козголбоду, Байтур келип экөөнү, Дарийканы кошуп үйүнө чакырып:

- Асан-Үсөндү алып алгыла балам, мен аларды үйүмө чакырып өз сыйымды жасай элекмин, бу эки жаманга карыздармын, - деди күлө.

- Койсоңузчу байке, чоңоюп басканда өздөрү эле барат, - деп Өскөнбай дагы күлүп калды.

- Асан-Үсөн ыйык ат, ушул эки баланын арты менен үйдөн даам сызгыла, экөөнө бир берээрим бар, - деди Байтур үйдөн чыгып баратып.

- Макул, чоң атасы чакырганда барбаса болбойт го? - Өскөнбай Асанды, Дарийка Үсөндү көтөрүп алып ортодогу бөлүнгөн чек арадан өтүп Байтурдун үйүнө чогуу келишти. Мыскал небересин алып отурган экен, тура калып:

- Келгиле-келгиле коноктор? - деди орун көрсөтө.

- Келдик жеңе, жакшы турасыздарбы? - Артур небересин өөп, колун берип учурашты, - Жеңем картайып кеткен го? - деди тамашалай.

- Карыбай анан, балдарыбыз кырктан ашты, силер минтип көкала сакал болуп калдыңар го?

- Да-а, ырас эле, - Артур орун алып отуруп жатып күрсүнүп алды.

- Ошону айтпайсызбы, жеңемдин эки балдарынан кичүү экенмин, мен деле кырктан аштым, бу жашоонун кандай өткөнүн тиричилик деп жүрүп билбей калат экенбиз го, - деди Өскөнбай. Аңгыча Тайчынын аялы Сейил дасторкон жайып үстүн толтуруп чай куйду, бир аздан кийин жайма гүлчө алып келип, чарага этти өзүнчө алып келип койду. Көпкө отурушуп аркы-беркини сүйлөшүп бакылдашып анан бата кылып турушту. Сыртка чыккандан кийин Байтур эки козуну алып келип:

- Ушул эки козу дагы эгиз, Асан-Үсөн чоңоюп тушоосун кескенде керек болсун, - деп эки окшош күрпөң козуну жетелетип балдарга көрсөттү, - Кана балдарым, шыйрагынан кармагылачы! - дегенде эки бала тең козуларга колун сунуп:

- Бу-буу, - деп ойноп калышты.

- Рахмат ата, дегиле балдарым, - Өскөнбай күлүп калды.

- Рахматын билдирип жатпайбы? - деп Мыскал жылмайып койду.

- Байтур байке, сиздерге ыраазымын, - деди Өскөнбай, балдарды жерге түшүрүп козуларды карамалатып ойнотуп көптөн кийин үйгө келип Зуураны карап уктап жатканын көрүп тим коюшту. Кечке маал Дарийка чай даярдап бермек болуп кирип:

- Аа-ай! - деп чоочуп кетти, көрсө эбак эле узап кеткен экен, аны тегеректеп калышты, уктагандай жаткан Зууранын башы бир жагына кыйшайып оозу ачылып калган экен. Артур менен Өскөнбай сыртка чыгып:

- Оо эсил кайран апам аай, эми кайдан табайын!

- Эсил кайран апакем, эми кайдан көрөмүн! - деп катар туруп өкүргөндө коңшу-колоңдор келип калышты. Арыдан бери жайын алып, боз үйдү тигип кеч күүгүмдө боз үйгө алып чыгышты. Ошентип Зууранын дагы күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнүп өз жайына ызаат сый менен коюлду. Артур менен Өскөнбайга эл ыраазы болуп жатышты. Жетимиш сегиз жашында жерге түштү ал. Шаардан Артурдун аялы, бала-чакасы келди, боз үйдө Саада ыйлап отурду, өзүнүн бир тууганы жок болгондуктан мындайраак эжеси менен эки жеңеси башында отурду. Кошокчуну таап Зууранын жакшы жагын коштурмак болуп алып келген кошокчу өлүк шааниси бүткөнчө кошту. Кетээринде ага үч миң сом берип, башына жоолук салып узатышты. Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол дегендей элдин шарына жараша сый жасашты, Артур да эч нерсесин аяган жок. Койгондон кийин Артурдун эки баласы, Өскөнбай Артур болуп үч күн мүрзө башына барып куран окуп келип турушту. Ошондо айыл эли ар кандай сөздү айтып жатышты.

- Бечара, Өскөнбайды айт, ичи кең боорукер адам болду, ушу Зуура аны кандай кылчу эле, - деди жакын коңшусу.

- Ооба десең, өз бала да мынчалык кылбайт, адамгерчилиги жанда жок адам болду бечара.

- Ызак ошондой жакшы киши болчу да.

- Тиги Артур деле жакшы жигит, экөө ызаат-сыйын кылып жатат да.

- Ооба десең, баягы Самар байкушту билесиңерби, ошону үч баласы туруп жакшылап көмө алган жок эле го?

- Колунда болбосо эмне кылсын.

- Ошондо да өкүрүп койбой аракка тоюп алып коюлаар күнү достору мүрзөгө зорго алып барышпадыбы.

- Аттиң десең, бирөөгө өздөн айпаса, бирөөгө өгөйдөн айтып коет тура, мейли байкуштун тиги дүйнөсүн берсин, - дешип шыпшынып жатышты.

Артур жетилиги өткөндөн үч күндөн кийин үйбүлөсү менен шаарга кетмек болду эле Кабыл кетпейм деп туруп алды. Артур аны кийин келесиң десе да болбой көгөрүп туруп алды. Ошондо Өскөнбай.

- Кабыл кетпесе кала берсин, Саада кеткенде чогуу кетишет, - деди эле кубанып кетти.

- Ооба байке, ошентсеңиз, атам эле болбойт.

- Шашпай кетишет, - деген Өскөнбай кызы менен Кабылдын мамилесин сынап көргүсү келип турду.

- Мейли анда, жакшы тургула, - деп коштошуп жөнөп кетишти. Кабыл аларды узатып жанында турган Сааданы көз кыйыгынан карап койду, аны байкаган Өскөнбай акырын басып кетти, Саада Кабыл менен беттешип сүйлөшкүсү келбей үйдү көздөй басты.

- Саада, качпачы менден, - деп Кабыл акырын үн катты.

- Качканым жок, жумушум бар.

- Токтосоң.

- Эмне сөзүң бар, бүтүрбөдүк беле.

- Мен бүтүрбөйм, сен үчүн эч нерседен кайра тартпайм, - деди эле Саада укмаксан болуп үйгө кирип кетти.

- Кабыл, Байтур абаңа жардам берип койчу, - деди ары жактан Өскөнбай, - Малды сууга айдашып коюп келе бер.

- Макул байке, - Кабыл элпек басып Байтурдун короосуна кирди. Ал азыр Өскөнбай моюнуна туз жүктөсө да даяр болчу. Шыпылдай баскан баланы сын көз менен караган Өскөнбай: "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", - деген сөздүн аныгы ушунда тура. Кокус Саада апасынын өлүмүнө Артурдун себепкер экенин билсе жаа бою качат беле, баары билинбей кала берсинчи, апабыз айтып кеткен керээз өтө оор болду, чынында жакындап калаарбыз, мурункудан мамилебиз жакшыраары анык. Эгерде Сааданын көңүлү болсо каршылык кыла албайм го?", - деп ойлоп ичкери кирип от жагылган бөлмөдөгү печканын жанына отурду.

- Быйыл кыш оор боло турган, суук катуу.

- Ооба, түү деген түкүрүк жерге түшпөй турган убак деп коюшчу беле? - Дарийка күйөөсүнө кошулду, - Эшикке чыгып кайра киргиче тоңуп кетебиз.

- Эчтеке эмес, суук болсо да үйүбүз жылуу болсун, - деп Өскөнбай уулдарына карап Үсөндү колуна алды, аны ала койсо Асан дагы аны көздөй бой таштады, - Ээ күчүктөрүм десе, эмдиги жылы буйруса басып калышат ээ апасы? - деп экөөнү эки тизээсине отургузуп эркелетип жатты.

- Буйруса, ушул маалда экөөбүздү чай ичирбей турат да.

- Ачка болсом дагы кайылмын, кана, - Өскөнбай ойлонуп калды, - Мен алтымыш экиге чыкканда балдарым жыйырмага чыгат экен, ушуларды үйлөнтүп-жайлантып балдарын көрсөм… - деди ойлуу.

- А менчи, мен кырк жетиге чыгып калат экенмин, - Дарийка күлүп калды, - Неберелерибизди көрсөк кандай кубаныч.

- Адегенде Сааданы күйөөгө берсек жээн неберелүү болобуз да, - дегенде Саада кирип келе жаткан эле, ал укмаксан болуп тим боло Асанды ала коюп көтөрүп эркелете ички бөлмөгө кирип кетти, анын артынан Кабыл кирди:

- Суугарып кайра короого киргизишип чөп салыштым байке.

- Азамат, айылдын ишин үйрөн ошентип.

- Ооба, мал баккканды мен аябай жакшы билем, - деп төргө отуруп калды, телевизор көрүп ар кимиси ар иш менен алек…

Зууранын кырк ашы ала шалбырт маалында болуп өттү, ошого чейин Өскөнбай Кабылды жиберген жок, Саада төртүнчү курсту бүтөйүн деп калды, ал келген, ал келгенде ар убак Кабыл экөө сүйлөшүшөт, бир бөлмөдөн чыкпай отура беришет, Дарийка алардын ортосунда бир сыр бар экенин байкаганы менен унчукпайт. Бир күнү Өскөнбай сөздөн сөз чыгып чогуу отурганда сөз кылып калды, Кабыл үйдө жок болчу, Сааданы сынай карап:

- Кызым, мен сага бир маанилүү сөз айтам, апам Зуура өлөөрдө керээз айтты эле, мен анын керээзин аткарышым керек, сенден бир гана сөз сурайм, так жана чындыкты айтышың керек.

- Эмне сөз ата?

- Сен бойго жеттиң, келин кылабыз деп келгендерди кайтарып жатабыз, өзүңдүн жактырган жигитиң болбосо өзүм билип келген жерге беришим керек.

- Ата-а, - Саада адатынча эркелей ыйламсырады.

- Чыныңды айт, болбосо келген элди кайтарбай жакшы жер болсо берип жиберем, чоң энеңдин керээзин аткарышым керек.

- Ал эмне деген керээз ата?

- Адегенде жигитиң барбы жокпу ачык айт, - деп шаштырды, - Эгерде мен билип берип, койсом ыйлап жүрбө?

- Жок, бирок ата шашылбаңызчы, азыр эч кимге тийбейм.

- Жыйырма төрткө чыктың, апаң сендейинде сен бир жаш болуп калгансың, а сен али жүрөсүң, кыз көп жүргөн болбойт, эгерде жигитиң болбосо Кабылга берем!

- Ыя?! - Сааданын көздөрү алая түштү, - Ата-а!

- Ооба, апам айткан керээз ушул, - деп Өскөнбай кызын карап отуруп калды, Саада үн дебей ойлуу, Зууранын айткан сөздөрү, Кабылдыкына кандай эргип, кубанычтуу барып көңүлү сууп кайтканы, Кабылдын: "Атамдар бир тууган деле эмес экен го, бизге боло берет", - деген сөздөрү кулагына угулуп отура берди. Өскөнбай түшүндү көңүлү бар экенин, аңгыча күтүргөн күз келип жылдыгын дагы беришти Зууранын, келген кеткендердин аягы суугандан кийин Артур сыртта сүйлөшүп туруп:

- Өскөн, апамдын айткан керээзи жөнүндө кандай ойдосуң, мен ушул убакты күтүп үндөгөн жокмун, каршы болсоң аны айт же каршысыңбы? - деди.

- Мен али ойлоно элекмин байке, эгерде балдар бири-бирин жактырса мен кайда барам, ошондо дагы эл эмне дээр экен, биздин бир туугандык катышыбыз жетишет эле го?

- Мен деле ошентип ойлогомун, бирок Кабыл жан койбой жатпайбы, качан барып айтасың, болбосо башка жакка алып кетип калам деп, өзүң билесиң, мен өз байкемден алыс өстүм, апам раматылык мени андан кызганып жүрүп катыштырбай койбодубу? - Оор дем алып алды Артур, - Мен ошонун тилинен чыкпадым…

- Саада эмне дээр экен, аны таарынтып албас бекенмин, балким Кабыл өзү жактырып калып ошентип жаткандыр, Саада билбейт чыгаар.

- Экөө биздин үйгө барган, сүйгөн кызым бар деп жүргөнүнөн мен тааныштыр, эгерде жакса жаңыча сөйкө салаарбыз деп айтсам экөө ээрчишип барган, ошондо дагы ушул апам жазбай тааныбадыбы, ошондо сага келе жатып…

- Болуптур байке, балдарга түшүндүрүп айтаар мезгил келди окшойт, эмесе кимибиз баштайлы? - Өскөн жылмая карады, - Ачык айтканыбыз туура го дейм?

- Өскөн, балдардын өткөндү билбегени дурус, болгону үйлөнсө болоорун айтып түшүндүрүү керек, - деп Артур шашып калды.

- Жарайт, мен бүгүн Саадага ачык айтайын, ал эмне дээр экен, ошого жараша иш кылалы, кирели эми үйгө, - деп колун жаңсады, - Кириңиз үйгө.

- Рахмат урматыңа, - Артур менен Өскөнбай ээрчише үйгө киришти, бир аздан кийин ага-ини дасторкондо бакылдашып отурушту, ортолорунда импорт арак, түн бир убакка чейин отуруп анан уктаганга жатышты. Саада атасы менен Артурдун сөздөрүн укмак болуп тыңшаганы менен эч нерсе уга албады, Керээз деген эмне экенине түшүнө албай жүргөн эле. Ошонун эртеси Артур аялы менен Кабыл болуп кайын журтуна учурашып келүүгө кетишкен, Дарийка балдары менен алек, Салийка деле жардамдашып жүрөт, бирок экөө тең жөрмөлөп калгандыктан жетишпей калышат, Өскөнбай Сааданын бөлмөсүнө кирди, ал диванда жатып алып китеп окуп жаткан, эшик ачылганда тура калды.

- Кызым, эмне кылып жатасың?

- Китеп окуп жатам ата.

- Сүйлөшсөк болобу?

- Макул, эмне жөнүндө?

- Сенин жеке тагдырың жөнүндө.

- Ата, али эрте дедим го?

- Жок, келээрки жумада Артур атаңдар биздикине келебиз деп жатат.

- Эмнеге, алар биерде го?

- Сага сөйкө салмак болуп жатат, жок болбойт дейинби же келе бергиле дейинби? - Сааданы сынай карады, - Көрсө менин кызым дагы көзгө көрүнүп калган тура, секелегим десе, оюңдагыны тартынбай ачык айтууга үйрөттүм эле го, кандай жооп беребиз? - Чачынан сылап төбөсүнөн өөп койду, - Эмне дейин, эрк өзүңдө садага.

- Ата, керээз деген эмне? - Саада көптөн кийин суроолуу кайрылды.

- Керээз деп өлөөр алдында айтылчу сөз кызым, аны жакын адамдары же балдары аткаруусу керек кызым.

- Кызык тура, силерди эл бир тууган деп билишет, макулдугуңузду бербей коюңуз, Кабылга барбайм, - деп Саада түнү бою ойлонгон оюн атасына айтты, бирок жүрөгү тынчтык бербей: "Мен эмне деп жатам, Кабыл мен үчүн башкача адам, бактымды ошондон гана табам, дечү эмес белем, атам башкага берип жиберсе эмне кылам", - деп көңүлү кирдей ойлуу отуруп калганда Өскөнбай:

- Бул акыркы, чын сөзүңбү кызым, кийин ыйлабай турган бол кеч болуп калат, - деди.

- Ооба…

- Болуптур анда Артурлар келгенче башка сөз салгандарга макулдук бере берейин ээ? - Күлүмсүрөй карады ата, ал сезип эле турат, бирок айталбай турганын ичинен түшүндү.

- Кимге? - деп көздөрүн алаңдата корккондой карады, ал ушул учурда өз тагдырын таптакыр көрбөгөн адамга кошо албасын сезди, бирок атасын аяды: "Мен деп канча жылдар жалгыз жашады, чоңоюп өз алдымча болоордо өзүмдү-өзүм билем дегеним болбос, кандай болсо дагы атамдын көңүлү тынч болсо болду", - деп турду ички оюнда. Аңгыча Дарийка:

- Өскөн, эшикте бирөө чакырып жатат, - деди бөлмөгө баш багып, ал чыгып кеткенден кийин жан дүйнөсүндө бир башкача толкун пайда болуп өзүн коеорго жер таппай жатты, кыз жүрөгү капаска түшкөн алсыз чымчыктын жүрөгүндөй тыбырчылайт. Ошентип кыз бир чечимге келе албай жүргөндө Артур менен Рая, Кабылды алып Байтурдукуна түшүштү, анткени аны улуу агасы катары кошуп алып келмек болгон, ошол эле күнү Өскөнбайга келип айтып кетишти, эртеси эле келип Саадага сөйкө салуу расмиси болуп сөйкөнү Мыскал салды, Сарыбай менен Шарапат дагы болду бул салтанатта: "Адамдын пейили кенен болсо, душманы коңшу болот", - дегендей Өскөндүн кең пейилдиги, кечиримдүүлүгү баарын жеңип, ата-бабадан калган керээзди аткаруу милдетин мойнуна алып, өзүнүн жасаган ишине өзү ыраазы болуп турду. Баарынан дагы Сааданын маңдайы жаркып бактылуу болуп Кабылдын жанында турганы анын көңүлүн тынчтандырды: "Ушу кызымдын бактылуу жүзү менин бактым", - деп оор күрсүнүп алды.



Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз