Айгүл ШАРШЕН


"Кыйчалыш жолдор"


Бекмат өмүр бою жарды жашап, балдарын өп-чап, жетээр жетпес оокат тиричилик менен багып чоңойтту. Аялы да бар болсо этек жеңи желпилдеп өмүр бою жетишип келгендей болгонун чачып ийген аял, абысындары үчөө, өзү менен төрт келин. Бекмат үчүнчү бала, төрт бир тууган, калган үчөө өтө бардар болбосо дагы күнүмдүк оокатка тың. Насипканды улуу абысыны аябай жаман көрөт, эгерде сөз болгондо: "Ошол кара жерге кирсин, шалпылдап эле жүрө берет, эгерде ал жакшы болгондо Бекматты эбак байытып коймок, жаман катын жакшы эркекти орто, ортону жок кылат, дагы кудайдын ичи кеңдигинен бала берип койгонун карабайсыңбы", - деп калчу. Насипкан үй-жайды карап бир жыйган күнү жок, айылчылап күн кечкиртет, колундагы баласын көтөрүп алып таң атпай үйдөн кетип кара күүгүмдө келет. Бекмат совхоздун майда барат иштеринде иштейт, кеч келип кардын тойгузганга да үлгүрбөйт, кечке айылчылап жүргөн Насипкан нан жасап койчу эмес. Бир жолу катуу чарчап келген Бекмат:

- Ой, деги эмне кылып жүрөсүң, нан жаап койбойт белең, - деди үңүрөйө.

- Ойноп жатамбы, бала багыш эле оңой бекен, кол бошобойт, - деп кайра өзүнө атырылды Насипкан, - Андай кыйын болсоң балдарды бак, мен сен кылган ишти кылайын.

- Деги сөздү укпайт экенсиң го, балдар чоңойду, энесин көрүп кызын ал деген сөз бар, сен минтип жүрсөң ким сенин кызыңды алат, балдарды кепке калтырасың го? - деп наалый отуруп калды Бекмат. Эң кичүүсү эки жашар, улуусу он алтыга келип калган, эки кызы удаа, үчөө уул. Турмуштун арабасы токпу, ачпы эптеп өтө берет эмеспи, жетип-жетпей чоңойгон балдар негедир ынтымактуу, улуусун кичүүсү угуп, бири-бирине баш ийип турат. Назгүлдүн бой жеткени өзүнөн эки жаш улуу Ашым деген бала сөз айтып жанын койбойт, бой жеткен кыз үйбүлөсүнүн начар турганынан тартынчу, Ашымдын жазган каттарын окубай тытып, ага жолукпаганга аракет кылаар эле. Онунчуда окуп жаткан, бир күнү ага Ашым капыстан жолуга калгандай алдынан чыга калды:

- Кандай Назгүл?

- Жакшы, өзүңүз.

- Жакшы эле, менин каттарыма…

- Коюңуз, эл көрсө ушак кылат, - Назгүл аны сүйлөтпөй эле басып кетмек болду эле жигит кычагансып алдын тосту.

- Жообун уккум келет.

- Мен эчтеке билбейм, эмнеге жооп берем?

- Катты окуган жоксуңбу?

- Жок.

- Эмнеге?

- Ошого, - Кыз ылдамдай басып кетти.

- Назгүл, - деген жигит шалдая туруп калды.

Алды жакта айылчылап жүргөн Насипкан кызынын бирөө менен турганын көрүп жини келе үйүнө келди, жаңы эле кирип кийимин алмаштырып жаткан Назгүлгө акырая карап:

- Жол-белде балдар менен туруп жаманатты кыласың го, жанагың ким? - деди кирип келип эле.

- Эмне болду, апа?

- Жанагың ким деп жатам, ата-энеңди жаманатты кыла турган болсоң өлтүрүп коем сендей кызды.

- Ой апа, ал классташым эле, - деп Назгүл апасынын жемесинен кутулгусу келип калп айта салды, кээде ата-эне баланы калп айтууга көндүрүп өздөрү жолдон чыгарып койгон учурлар көп эле болот эмеспи. Насипкан дагы өзүн тарбиялуу аял сымал кызын калп айтууга аргасыз кылды.

- Классташың менен жолдо сүйлөшөсүңбү, экинчи көрбөйүн, - деп катуу кармап, баланы жакшы тарбиялаган өңдүү корсоңдой сыртка чыкты.

- Апа, каякка барасыз?

- Мени эмне кыласың, кир жууп тамак жасап кой!

- Мен мектепке барышым керек, апа.

- Барбай эле кой, чилистен болуп кетсең дагы.

- Апа, кружокко катышам, агай урушат, - деди ыйламсырай Назгүл.

- Кружокту эмне кыласың, окуп жатасың го, жетишет, шартым жок дегин, - деп каалганы жаап чыгып кетти.

- Жазгүл келет азыр, мен мектепке барбасам болбойт, - Назгүл эшикти ачып апасынын артынан айтты, - Жазгүл жасайт, апа!


- Экөөлөп жасагыла, Жазгүл жакшы жууй албайт кирди, какшанбай үйдү жыйнап ишти кыл! - деп кетип калды. Зарыл иши бардай кашаадан чыгып көчөнү аралай жөнөдү.

- Ушулардын азабы өттү, - деп Назгүл шалк эттире ызалуу көз жашын төгүп отуруп калды. аңгыча Жазгүл келди, ага Назгүл: - Келдиңби Жазгүл, мен мектепке барып эки саатта келип калам, сен кирге суу ысытып, кирди жууп баштай бер, мен келип калам, - деди.

- Макул, барып келе бер.

- Апам мени кружокко катышпа деп жатат.

- Айтпай эле катыша бер, мен өзүм кыла берем, кийин сен ырдап чыгып калганда көрөт, сенин үнүң жакшы, - деп Жазгүл эжесине демөөр болду эле кубанган Назгүл кийине салып жөнөдү. Насипкандын кайда жүргөнүн деле билишпейт, эки кызы катар чоңоюп калганга сыр билгизбей баарын жасап калганга ого бетер колу-жолу бош болуп калган. Ошол күнү ал жээнтек берген жээнинин үйүндө отурду, көтөрүп алган ырымга эчтекеси жок, ал жээни бир тууган эжесинин баласы, биринчи уулдуу болуп кайын журту келип бешикке салып жаткан. Таежеси болуп ымыркайды көрүп мурдунан чымчып өөп отуруп калды, эжеси сиңдисин ачуусу келе карады:

- Качан болсо жок деп басып жүрөсүң, кыздарың чоңоюп калды, бир катындай болуп үйүңө байырласаң боло, - деп ээндетип айтты Асылкан.

- Эмне болуптур, үйдө эле жүрбөйүнбү, балдарды ким багып жатат, мен бакпасам чоңоет беле?

- Бекмат кой оозунан чөп албаган момун жигит, байкушту адам катарына кошподуң, андан башка бирөө болсо сени эбак жолго салып айдамак, - деп кейип жаман көрө үйгө кирди. Насипкан эжесинин артынан киргенде жээни Асылбек:

- Таежем көрүндүктү чоң берет го, мен уулдуу болуп жатсам эмнеге көрбөйт экен? - деп тамашалап калды.

- Карызмын, бир күнү көрөм, азыр жок, - деп күлүп койду.

- Мейли эми, карыз боло берсеңиз, акыры чоңго жыгыласыз, - деди Асылбек.

- Балаңдын жаны бекем болсун, тууганына эмес туулганына сүйүн, - деп кайненеси Азимбү күлө карады, - Таежең бир күнү тай жетелеп келип берсе ажеп эмес, - Азимбү Насипканды жакшы билчү.

- Бербегенде эмне, берип эле коем, эмнеси бар экен, - деп куучуңдап койду Насипкан. Андан кийин наристени бешикке салып ырымын жасашты, коңшу-колоңу болуп эл толуп калды. Турус баласынын баласына арнаган союшун союп элден бата алды, кудагыйларын сыйлады, бака-шака түшүп наристеге өмүр тилеп келечеги кең болушун каалап, ак моюндан куюп жатышты. Насипкан алардын арасында куюлган ак моюндан жутуп жатып кызуу болуп калды, андан уялган Асылкан сиңдисин эшикке алып чыкты:

- Кудай ургур, мынча эмнеге ичесиң, кудагыйларга уят кылбай үйүңө бар, - деди баласын жетелетип, - Кеч кирип баратат, үйгө жетип ал.

- Эмнеге мени кубалайсың, келбей койсом кутуламбы? - деген Насипкан тамтаңдай басып үйүн жөнөдү. Баласы бакырып ыйлай баштады, боюн араң кармап келе жаткан Насипкан ага кайрылып түртүп ийди, - Өлүп кет, өлүгүңдү көрөйүн десе, эмнеге ыйлайсың, атаң өлдүбү же менби?

- Апа-а, койкуп жатам.

- Жалаңкыч көрдүңбү шүмшүк?

- Үйгө жетеличи, атама байам.

- Атаң менен кара жерге кир, жүргөндүр кейпийип, - деп Амангелдинин колун силкип ийгенде өзү жыгылып кетип баланы баса жатып калды.

- Апа-а! - деп барып үнү чыкпай калды. Зорго ордунан туруп баланы өйдө тургузам деп бир колунан тартканда баланын колу шалактап калганын байкабады:

- Өлүп калдыңбы тур! - деп кайра жаткырып коюп жанына отуруп калганда жанына өтүп бараткан адам кайрылып баланы көрүп чоочуп кетти:

- Балаңыздын эси ооп калган го?

- Эмне-е, барчы ары!

- Уятсыз аял экенсиң, баланын колу сынган го? - деди да өзү жерден көтөрүп ала коюп, - Үйүңөр кайда? - деди.

- Азыр жетебиз, - Насипкан алдыга басып баратты, боюн түзөйүн десе дагы болбой жолдун ары жагына бир, берки жагына бир кетип жатып эптеп үйүнө жетти, бала жолдон эле онтолой баштаган, көтөрүп келген адам жарыкка киргенде эле:

- Жаш баланы мас адамга эмнеге кошосуңар? - деп жаткыра коюп карады эле эти от менен жалын болуп калыптыр, колун көтөрүп, - Чыканактан сыныптыр, тезирээк ооруканага алып баруу керек, - деди.

- Эмне кылып жүрөсүң, кайдан ичтиң? - Бекмат аялын карады.

- Мени эмне кыласың, баланы карачы, - деди да бутун эптеп чечти да төргө жыгылды. Амангелдини Бекмат өзү көтөрүп тигил адамды ээрчип жөнөдү, медпункт жакын эле, жетип эле чечине калып халат кийинип чыга калды жанагы адам, көрсө ал айылдык медпунктун врачы экен. Арыдан бери баланы чечиндирип колуна укол сайып, медсестранын жардамы менен колун таңып кирди, таңып жатса да чаңырып ийди эле Бекматка карматып кайра укол сайды. Ошентип Амангелдинин колу сынып ооруканага эртеси жаткырды, Насипканды Бекмат ошол күнү аябай сабап койду. Амангелдини Назгүл алып жатып калды. Бир ай дегенде зорго чыканагы бүтүп ийри бүткөн экен кайра дагы операция жасамак болушту, анткени томук сынган экен, эс алдырып кийинки жылы жасай турган болуп үйүнө алып келди, бала неме эмнени билет, оң колу ийилбей түз болуп калса да ойноп кетет. Ошондон кийин Насипкан айылдаганын койду, баланы көрүп зээни кейиген Бекмат аялын жек көрүп наалып калат, Эсенгелди менен Нургелди аны карап турушат. Назгүл мектепти бүтүп жатканда эле ала качып кетти, аны Ашым ала качкан болчу. Отурбай чаңырып ыйлаган кызды Бекматтын карындашы Айымкан отургузуп койду, барган жери абдан жакшы жер эле, Ашым Назгүлдүн көзүнүн агы менен тең айланып турат, аргасыз отуруп калды. Ачуу басар, жеңетайга жакшы берди. Насипканга акыл-насаат айтып эжеси Асылкан менен Айымкан экөө жарым себин даярдап көшөгөсү менен жеткирип келишти. Отурган кыз орун табат дегендей эстүү кыз өз бактысын ойлоп жашап кетүүнү ойлоду. Ашым аны катуу сүйгөндүктөн ата-энеси макул болгон эле, пендебиз го, алар бир айылдан болгондуктан Насипканды көрүп-билген адамдар ошондуктан жакшы эле каршы болушту. Минтип кызынын акыл-эстүү экенин көргөндө унчукпай калышты. Кадыржан менен Батмакан келининин жаштыгын ойлоп эртең менен эрте тур деп айтпайт, бирок бечара келин өзү эле туруп чай коюп, эшиктерин шыпырып, уюн саап анан торпокторун байлап коет, андан кийинкиси кайнатасыныкы. Уйду аркандап, торпогун короонун ичине камап коет, дасторкон жайып чайын алып келген келинин алкап турат, алардын андан башка эки келини бар. Алар бөлүнүп кетишкен, улуу баласы мугалим, экинчиси бухгалтер болуп иштейт, Ашым аскерден келгенден бери бош, эң кичүүсү болгондуктан ата-эненин колунда кала турганы эле. Кечтин киришин күткөн жаштар күндүз сүйлөшө да алышпайт, эки көзү келинчегинде болгон Ашым ээндей калса эле анын жанына жетип келет.

- Нази.

- Ийи.

- Бактылуусуңбу, айтчы бактылуусуңбу?

- Ооба, өзүңчү? - деди Назгүл акырын.

- Мен сага жеткениме бактылуумун.

- Чынбы?

- Ооба, сен менин катыма жооп бербей койгондо ызаланып ыйлагам да, а сен эч нерсени сезбей басып кеттиң.

- Эмне дешим керек эле?

- Чыныңды айтсаң, катты окуганда кандай ойдо болдуң эле?

- Окуган эмесмин.

- Койчу, эмн



еге окубадың?

- Окугум келген эмес.

- Сен анда мага жиниң келчү тура ээ?

- Ооба, көргүм дагы келчү эмес.

- Мениби! - деген Ашым Назгүлдү уйпалап жатып калды, - Эмичи, кана көргүң келбегенин көрөйүн, - Өпкүлөп жатты.

- Болдучу, болду эми, атаңдар укса уят.

- Укса алар деле жаш болгон да.

- Жаш болгон деп эле ата-энесине угузуп аялын кыткылыктаткан болбойт, биз жалгыз эмеспиз Ашым.

- Мен сени кандай сүйгөнүмдү билдирейин сага, - деп төшөктүн ичинде экөө көпкө чейин жулмалашып жатып анан бири-бирин карап калышты.

- Жинди, - деп күлүп ийди Назгүл.

- Сен жинди, эми мени жакшы көрөсүңбү?

- Жок, - деп бетин жаап алды, - Сени жаман көрөм.

- Кантип? - Ашым кайра келинчегине асылып өпкүлөп кирди.

- Жек көрөм сени!

- Качан сени жакшы көрөм, сүйөм демейинче өпкүлөй берем - деп Ашым Назгүлдүн эки колун эки жакка керип басып жатып алды, - Кана сүйөсүңбү мени.

- Жок.

- Айтасыңбы жокпу?

- Жок айтпайм, - деп кыткылыктап күлө берди Назгүл.

- Айтасың, - деген Ашым дагы өз оюн кое бербейт, - Нази сенин жигитиң жок беле?

- Бар болчу.

- Ким эле?

- Айтпайм, - деп Назгүл оюнда эч нерсе жок күлө берди, бирок ушул тамашасы, көңүлүндө кызганткысы келгени аны канчага чейин азапка салаарын ойлонгон жок.

- Ошондой де, демек жүрөгүңдө башка адам жашайт экен да, - деп чалкасынан түшүп жатып калды.

- Жинди, ошого ишендиңби? - Назгүл башын көтөрө сурады.

- Эмне сенин сөзүңө киши ишенбеши керекпи?

- Тамашаны билген киши ишенбейт.

- Менимче сен оюңдагыны айттың.

- Жинди десе, калп айттым, сени эмне дээр экен десе, таарына бер, - деди да ары карап жатып алды. Ошол бойдон Ашым унчукпай жатып уктап калды. Эртең менен эрте туруп кетип жаткан Назгүл күйөөсүн карап койду, демейде бекем кучактап жатып тураарда кармап алып тургузбай уйпалап, өпкүлөп араң кое берчү. Ал эми аны карап кийинди да туруп сыртка чыкты. Адаттагысындай эле эшиктин алдын шыпырып, чай коюп кемегеге от жагып казандагы кечки тамактын калганын ысытып жүрдү, кайненеси намаз окуучу, ал намазын окуп сыртка чыкты.

- Чайың даярбы балам?

- Ооба апа.

- Алып кел, мен бүгүн тигил өйүздөгү Текендикине барып келейин дедим эле, - деп кайра кирип баратып кайрылды, - Ашым тура элекпи?

- Жок.

- Ушундай да бала болобу ыя, түшкө чейин уктаган, эрте туруп жүр дебейсиңби, күн чыга электе турса кудай ырыскысын чачат экен, эми киши болуп калбадыбы.

- Айтканда болбойт го?

- Үйбүлө күткөндөн кийин оокатка тырышпайбы ыя, "катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал", - деген, качанкыга чейин эле Кадыржан экөөбүз мунун маңдайында жүрөт элек, биз дагы бир күнү журт которуп көчөбүз, ошондо кантет ыя? - деди да үйгө кирип кетти. Назгүл унчукпай өз ишин кылып ичке дасторкон жайды. Аңгыча уйкусураган Ашым туруп келди:

- Эмне эле таң атпай тургузасыз апа? - деди эстей.

- Таң атпай дегени эмнеси ыя, күн чыга электе туруп күндө тилек кылып жүр балам, кийинки жашооңо жакшы, сен дагы бала-чакалуу болосуң, минтип жүрсөң балдарыңа акыл-насаат айтып тарбиялай албайсың го? - деп Батмакан кейип калды.

- Мындан ары эрте туруп жүр балам, - деп койду Кадыржан дагы.

- Макул апа, атам экөөңөрдүн кебиңерди укпаганда кимди угам.

- Кудайга шүгүр, Назгүл өзүбүзгө ылайык келин болду, айттырбай кылат, көз карашыңдан билет, - деп Назгүлгө карады.

- Айла-анайын, Ашымды сен айтып деп жүр, болбосо эркекке эмне, ичкен тамагы, кийген кийими болсо жүрө берет, кийин балдарыңар эстеп жүрө тургандай жакшы үйбүлөдөн болгула балдарым, - деди Батмакан.

- Ата, бүгүн мен Садыктыкына барып келейин, - деди Ашым.

- Барсаң барып эрте кел.

- Ооба эрте эле келем, - деп тамагын жарытылуу ичпей чыгып кетти Ашым, ал аялын караган дагы жок, ич күптүсү тынчын алып классташы Садыктыкына жөнөдү, андан Назгүл жөнүндө сурамак болду оюнда. Ал келгенде Садык жаңы эле турган, эшиктин алдынан көрүп эле учурашышты да: аны үйдөн чык деди.

- Чай пай ичип алалы, - деп Садык моюн толгоду.

- Макул, мен сыртта күтүп турам.

- Кирбейсиңби, аяшыңдын даярдаган чайынан ичип кет.

- Аа-а, мейли анда, - Ашым шыпылдай ичкери кирди, - Аяш атамдар жок беле?

- Айылчылап балдарына кетишкен, - Садык үйгө кирип, - Саида, чай алып кел, аяшың келди, бир кызыл демдеп келчи, атасынын гөрү, - деди бакылдай, ал отураары менен уктап жаткан уулу туруп келип жармашты, - Уулум, ойгонуп калдыңбы? - деп алдына отургузуп алып Ашымга кайрылды, - Эртелеп кандай иш?

- Жөн-жай эле, - Ашым айткысы келбей жер карады.

- Бир сырың бар го? - Кыйды карады.

- Жок, мен сени Назгүлдүн мурда жигити бар же жогун уктуң беле деп сурайын дегем.

- Ой атт-аа, мурдагысын эмне кыласың, азыр сеники да, - Садык каткырып ийди, - Кыздар сүйлөшпөй коймок беле, сен экөөбүзгө окшогондор жан койбой кат жазып жатышса.

- Ал мени сүйбөйт окшойт, балким ошонусун ойлонот окшойт.

- Ой баланын сөзүн айтпа дос, тоок сүйүү, куш сүйүүлөр да алар, аяшың деле канча жигит менен сүйлөштү дейсиң, эми мына мага уул төрөп берип меники болду, - Ошол кезде Саида чай көтөрүп кирди.

- Кандай аяш? - деп Ашым учурашып калды.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар, Назгүл жакшы жүрөбү?

- Жакшы эле.

- Аяшың экөөбүз бир аз сейилдеп келеличи, Саида.

- Кайда? - Саида күйөөсүн алая карады.

- Мындай эле.

- Алыс барбайбыз, - деди Ашым.

- Бала менен эчтеке кыла албай калам, эртерээк кел.

- Болуптур анда, биз чыгалы, бат эле келебиз, - деп экөө дасторконго бата тилеп ордунан туруп эшикке чыгышты. - Сен анда Назгүлгө таарынып жаткансың го, чынында досум мурункусун козгогонуң болбогон кеп, сен экөөбүз канча кыздын башын айланттык, ошолордун эрлери байкуштарды урушуп отурса болобу, Назгүл андай кыздардан эмес, ал инилерин өзү бакты билесиңби, өзү жакшы кыз деп кеп кылышканын уккамын, апасы айылчылап ичип эле жүрчү эмес беле? - деп Садык оюндагынын баарын айтты. Чынында пейли түз арам ою жок адамдар гана ушинтип досуна жакшы сөздөрдү айтып ынтымак каалайт теңтушуна, болбосо кээ бирлер өзөлөнтө кайрап салып ыдыратып ийет эмеспи. Ашым ойлонуп дүкөнгө жеткенде кирип кетип бир бөтөлкө арак алып чыкты. Экөө арт жагына барып ичип отурушту.

- Мен дагы далай кат жазгамын да Назгүлгө, бирок ал бирин дагы окубаптыр, айтчы ошонусу жакшыбы?

- Сен кызык экенсиң, өзү окуучу болсо, жашоолору ойдогудай болбосо кыздар кат окуйбу, болоор болбоско шылтоо таап ичиңден ирибе дос, бала-чакалуу болосуңар, ошондо жакшы үйбүлө кайдан чыгат, өзүңдү жеңил кылба.

- Эми деле мени сүйбөйт го деп ойлоп калдым.

- А сен сүйдүрүп ал.

- Кантип?

- Аялга жакшы сөз жагат, эми жаныңда, ар кандай жол менен сүйдүрүп алсаң болот, аял өтө назик жана кыялкеч болот, эркектер ошонун сырын билип турсак дагы билмексен болобуз, ошондуктан өз жашообузду кайдыгерлик менен бузуп алабыз.

- Билбейм, сүйгөн эмесмин десе эле жиним келип калды, - деп Ашым кайра-кайра арактан куюп жатты, экөө орто кызуу болгондо гана Садык:

- Жүрү кетели, эми ичсек жолдо калабыз, аялдарды сыйлаш керек, аяшың дагы бала менен иш кыла албайм деп калды эле барайын, сен жакында эле үйлөндүң, али ысыгыңар тарай элек, жаңы үйлөнгөндө эле ичип алып ирээнжиткениң болбойт, - деп болбой Садык алып жөнөдү.

- Ирээнжисе сүйгөнүнө бара берсин! - Ашым колун шилтеди.

- Койсоңчу дос, эркек эркектей болгону жакшы, - деп Садык аны колтуктап үйүнө жеткирди, негедир ал Садыкка караганда бат мас болуп калды, эшиктин алдында турган Кадыржан Ашымдын ыргалып кирип келе жатканын көрүп ачуулана кетти, Садык сырттан эле кетип калган болчу.

- Ок ат-та-аңдын оз-зугурайын бала болгон, кебетең эмне ыя?

- Ата…

- Кир үйгө сүйлөбөй.

- Ата, кечирип койчу, мен…

- Кир үйгө, жакшы үгүт үйрөнө баштагансың го? - деп карысынан алып ичкери киргизди, - Жатып эс ал, анан сүйлөшөм сени менен, - деди эле Ашым үйгө киргенден кийин төргө төшөк салып орун даярдап жаткан Назгүлдү көрүп тишин кычыратып алды:

- Ийи, мага тийгениңе арманда жүрөсүңбү ыя?

- Ашым, эмне деп жатасың, ким айтты сага арманда жүрөт деп? - Назгүл таңгала карады.

- Атаңдын башы!

- Ашым, мен эмне кылдым сага?

- Энеңдурайын десе, сүйгөнүң ким эле ыя, бетиңди оозуңду өптүрүп жүргөнсүң да ээ? - деп сөгүнүп жатты.

- Ашым, жаңылып жатасың, энемден башка өпкөн эмес мени.

- Ыкы, актанбай эле койчу, менин жазган катымды окубай бирөө менен жүргөнсүң да.

- Кандай ойлосоң ошондой ойло, - деп Назгүл ызалана көз жашын куюлтуп чыгып баратканда Ашым аны кыйкырып токтотту.

- Токто, менден мурун мен сүйүп жүргөн кызды ким өпкөнүн мага айтып бер, мен угайын, - дегенде Кадыржан кирип келди:

- Эй иттин баласы, уктайсыңбы жокпу?

- Ата, мына уктадым, - Ашым кыңкайып жатып көзүн жумуп алды.

- Келинге бирдеме деп көр, - деп чыгып кетти Кадыржан. Ал чыгаары менен туруп отуруп алды, көпкө башын жерге салып отурду да.

- Назгүл! - деп кыйкырды, - Назгүл дейм, суу берчи!

- Мына, суу ичесиңби? - деп Назгүл чыныга суу алып келди.

- Ичем, отур жаныма.

- Иш кылып жатпайынбы, колум бош эмес.

- Сен мага жооп бересиңби жокпу?

- Атама айтам, - деп Назгүл сыртка чыгып кетти, Ашым шылкыя жатып калды, көпкө өзүнчө сүйлөнүп жатты, - Эн-неңдурайын десе, сени сүйгөн эмесмин деп коет, анан эмнеге тийди мага, шашпа сага көрсөтөм, сага көрсөтөм сүйгөндү, - деп балдырап жатып уктап калды, мурда ишчү эмес эле, анын арак алганына Садык дагы таңгалды, бирок болбоско өзүн чөктүргөнү ага жаккан жок. Кеч күүгүмдө ойгонуп башы зыңгырап ооруп калганынан тура албай жатты.

- Назгүл! - деди эле эч жооп болбоду, - Назгүл!

- Эмне болду? - Көптөн кийин баш бакты.

- Энеңдин…

- Сөгүнбөчү, мен сага эмне кылдым?

- Албарстыдай көрүнүп жатасың.

- Албарстыдай көрүнсөм кетем анда, сенин бүгүнкү кылганың өтүп кетти, ушинтип жашаганча…

- Бара берчи! - деп алды да, - Башым ооруп жатат, ысык тамагың болсо берчи!

- Өзүң алып ич, мен кетип жатам, - Назгүл баштыкка кийимин салып сыртты көздөй жөнөдү.

- Коркуп кеттим да, сен кетсең катынсыз калат бекенмин, бол мага тамак бер! - деп болбой өктөм сүйлөп жатты, Назгүл унчукпай чыгып баратканда алдынан кайненеси чыкты. Ошол убакта Ашымдын үнү угулду, - Назгүл дейм!

- Эмне болгон Ашымга, сен кайда?

- Эчтеке, эшикке эле чыгам, - Назгүл көзүндөгү жашын төгүп ийе жаздап жооп берди.

- Ботом урушуп калдыңарбы? - Келинин үрпөйө карап ичкери кирди, - Ой бала, сага эмне болду, аюудай айкырып?

- Назгүлдү чакырып жатам го?

- Ал үйдөн чыкты го?

- Ошо, - Ашым терс бурулду, - Келиниң кетем деп жатат.

- Уруштуң беле?

- Жок.

- Кагылайын ай, көп эле бала өстүрдүм эле, сен башкача болдуң го, - деп Батмакан кейий кайра сыртка чыкты, - Ээ Назгүл, ботом кетем дегениң эмнең, төркүлөбөй туруп төркүнгө кыз барчу беле, салт-санаа деген бар.

- Апа, Ашым кет деп жатпайбы? - деп Назгүл ыйлап жиберди, ал чыгып кете албай босогодо турган эле.

- Ээ кокуй, үйлөнгөнүңөргө жарым жыл боло электе эмне болду силерге, азыр экөөңөр урушкудай эмне себеп, - деп келинин жубата үйгө киргизди.

- Өзү эле сөгүнүп, албарстыдай болбой кетип калчы дейт.

- Айта берет, илгертен эркектердин оозундагы кеби ал, кет десе эле кете бергидей сен эмне күң же жолоочу белең, сен бул үйдүн Ашымдан кийинки ээсисиң, экөөңөр ушул үйдөн агарып-көгөрүп, очор-бачар болсоңор биздин көңүлүбүз тынбайбы кокуй, анын анча-мынча айтканына көңүл бурба, мен азыр анын сазайын берем, кир үйгө, - деп Батмакан келинин үйгө киргизип өзү Ашым жаткан бөлмөгө кирди, Кадыржан аксакалдар менен чайканага кетип калган эле.

- Апа, Назгүл кайда жүрөт? - деди Ашым апасына.

- Эмне кыласың аны, сен бул адатты кайдан үйрөндүң ыя, ичкенди сен өнөр кылып алгың келип жатабы, кечээ үйлөнүп, өлөм-житем деп жатып алганың жалганбы ыя, эми жарым жыл болбой кет дегениң эмнең? - деп Батмакан жемелей баштаганда унчукпай жатып алды. - Ал дагы бирөөнүн баласы, сурап алаары бар, зоңкойгон эки иниси сени эки чайнап бир жутуп койбойбу карангүн.

- Апа, мени кечирип койчу, экинчи мындай болбойт.

- Назгүл мага болбой кетип калды, бар өзүң ээрчитип кел.

- Ыя, кайда кетти?

- Атасыныкына, - Батмакан уулун сынай карады.

- Эмнеге, чын эле кетип калдыбы? - Өйдө тура калды.

- Ийи, кет деп жатсаң кетет да.

- Эми эмне кылам апа? - Жалдырай карады.

- Эмне кылмак элең, алып келип ал, мен барбайм! - деп чыгып кетип калды, Ашым туруп сыртка чыкты да короодон ары көздөй Назгүл үйүнө кетээр жакты моюн созо карады, карааны көрүнбөгөн соң кашаадан жолго чыгып карады, анын баарын көрүп турган Назгүл күлкүсү келип терезеден карап тура берди. Кайра кирип ата-энесинин бөлмөсүнө кирди:

- Апа, эми эмне болот?

- Кайдан билем, алган катыныңды кетирип ийип жүрө бер.

- Кетирбей эле койбойт белеңиз.

- Ыйлап алган неме болобу мага.

- Кызып калыпмын апа, кечир, сүйлөгөнүмдү билбей калдым, - деп Ашым башын жерге сала отуруп калды, ошол убакта сырттан кобур-собур угулуп Насипкандын үнү чыкты эле Ашым шашып калды, - Апа, Назгүлдүн апасы го?

- Келет да, төркүлөй элек кызын кубалап жатсаң, - деп койду да ордунан турду, - Кайненең менен учураш дагы ичке кирип кет, - деди Ашымга, өзү каалганы ачканда бет маңдайында турган кудагыйы менен учурашып, ал-жай сурашып төргө өткөрдү, Ашым учурашып коюп сыртка чыгып кетти.

- Кудагый, Назгүл бир жакка кеткенби? - Насипкан кудагыйына кайрылды, - Мен атайын эле Назгүлгө келгемин, биз атасы экөөбүз кичүү уулумдун колун доктурга көрсөтмөк элек, үйгө барып турса деп.

- Ботом, барбай анан, - деп шыпылдаган Батмакан бөлмөдөн чыга бая өзү киргизип ийген бөлмөдөн Назгүлдү чакырмак болуп чыкты, - Назгүл, кудагый келди балам, эчтеке билгизбе, "эрди-катын урушат, эси кеткен болушат" дегендей, боло берет. Апаң сени үйгө чакырып келиптир, атаң бир козу союп берет, Ашым экөөңөр барасыңар, макулбу? Жүр, жүрө гой, - деп желпилдеп алдыга чыкты. Назгүл ыйлап басылып калган, үйүңө барасың дегенге сүйүнүп кетти, кантсе да жаш эмеспи.

- Апа, - деп кирип эле апасы менен кучакташып калды, - Келиңиз…

- Келдим кызым, Амангелдинин колун операция жасатпасак болбойт.

- Ийи, - деп чай куюп отурду, Насипкан кызынын ыйлаганын деле байкаган жок, ал өзү дагы кападар болчу, операцияга үч миң сом таппай Бекмат наалып, урушуп баласынын колунун кыйшык болуп калганына жинденип жаткан болчу.

- Эмесе мен барайын, барып даярданалы кудагый.

- Эми кудагый, күздө төркүлөтүп алдыңарга түшөлү деп жаттык эле, эртең кыз-күйөөңдү жол-жосуну менен жөнөтөйүн, алдыңарга кийин түшөбүз, Назгүл өзү дагы силерди сагынып жүрдү эле.

- Боло берет кудагый, шартка жараша болосуңар да, биз да кысталыш болуп жатабыз, Жазгүл жалгыз коркот, берки экөө эркек бала да, Эсенгелдини тоого жиберип ийдик эле, - деп Насипкан ордунан туруп сыртка карай жөнөдү. Батмакан өзү узатып калды. Кайра кирип эле Ашымдын жаткан бөлмөсүнө кирди:

- Ой бала, тур, атаңды чакырып келчи.

- Эмне болду? - Ашым тура калды.

- Иш бар, бол тезирээк, - деп кайра чыкты, - Назгүл, камыр жууруй кой балам, экөөбүз боорсок жасайлы.

Ошентип Батмакан бирди союп, боорсок менен кант канделек кылып Назгүлдү Ашым экөөн төркүнүнө жөнөттү эртеси. Ашым Назгүлдүн таарынычын жазды, ал бат эле жазылып кетти, Амангелдинин колун операция жасатып он күн дегенде келип калышты, гипси алынган эмес, Бекмат дагы ичинен күмөнсүп чечсе эле баягыдай болуп кала тургансып ишенбей жүрдү, бирок жакшы болгон кезде врачка алып барып көргөздү эле, гипсин алганда кадимкисиндей болуп кубанып үйүнө келишти.

Назгүл күйөөсү менен кеткиси келбей кабак чытып отуруп алды, Насипкан дагы өз колунан келгенин салып берип боорсок жасап, кайын сиңдисиникинен үндүк алып келип союп бышырып берип кыз-күйөөсүн жөнөтмөк болгон.

- Нази, тур кызым, үйүңө баргыла, Ашым сыртта күтүп калды.

- Апа, мен кийин эле барайынчы.

- Эмнеге кокуй, андай болбойт кызым, кудалар эмне дейт?

- Десе дей берсин, мен барбайм азыр.

- Ой Бекмат, кирчи бери, - деп Насипкан босогого келип Бекматты чакырды, - Бу кызың кетпейм деп жатат го?

- Эмнеге кетпейм дейт?

- Кайдан билем, Нази, адамды күйгүзбөй ачыгын айтсаң боло.

- Кызым эмнеге баргың келбейт, кайненең бирдеме дедиби? - Бекмат суроолуу тигилди.

- Жо-ок ата, бир аз күн дагы жүрө турайынчы.

- Болбойт, азыр күйөөң менен бар дагы эки-үч күндөн кийин келсең болот, азыр бара гой кызым, - деп Бекмат кызынын чачынан сылап өөп эркелетип койду, - Бара гой кызым, бара гой.

- Макул, кайра келип турсам болот ээ? - Назгүл кубанып кетти, - Эки күндөн кийин кайра келем анда, - деп тура калып атасын кучактап өпкүлөп жиберди, - Мен кеттим анда.

- Бара гой кызым, качан кайнатаңдар төркүлөткүчө келип кетип тур.

- Ашым күтүп калды, эми жөнөгүлө, - деп Насипкан дагы сумкаларын көтөрүшүп сыртка чыгышты, Ашым кайненесинин колунан сумканы ала коюп шыпылдай жөнөштү, Назгүл күйөөсү менен кетип жатып үндөгөн жок, бири-бирин карап коюп кете беришти. Батмакан токтоо жакшы аял болгондуктан уул-келинин тосуп алды, кудалары берип жиберген майда-барат менен эт боорсокту жайып, коңшу-колоңуна ооз тийгизди. Назгүлдүн кабагы салыңкы экенин көрүп билмексен болуп койду: "Эмдигиче табыша элекпи, жаштардай эмес экөө тең, мындай кезде эмне от болуп күйүп турбайбы, менин балам эмнеге аялына салкын болуп калды, жаңы келгенде мындай эмес эле, дагы байкайын", - деп ойлоп койду. Кечке тиричилигин жасап, колу бошогон жок Назгүлдүн, кечки тамактарын ичкенден кийин жыйыштырып коюп өз бөлмөлөрүнө киришти.

- Ашым, сен мени бышырбай ички оюңду ачык айт, менден эмне күнөө кетти?

- Өзүң билесиң.

- Андай болсо ажырашалы, мен минтип чыдай албайм.

- Эмнеге, мени эзбей кое бер, - Ыйлап ийди Назгүл, - Эркектер баарыңар ушундайсыңар, жүгүрүп жүрүп жетип алгандан кийин бат эле сууп каласыңар, кыздардын тагдыры менен ишиңер дагы жок. Силер өзүңөр кыласыңар, мен бир дагы бала менен сүйлөшүп көргөн эмесмин.

- Анан эмнеге каттарды окуган жоксуң?

- Мен бир дагы баланы көргүм келчү эмес, ата-энем бей-бечара, момун адамдар болсо, жаманатты кылгым келчү эмес, күйөөгө дагы тийгим келчү эмес, - деп Назгүл бетин баса отуруп алып ыйлап жатты.

- Болду жат эми, айтканда эмне, биз мындан ары дал ушинтип жашайбыз, - Сен эч жакка кетпейсиң, мени менен гана жашайсың! - деп Ашым ары карап жатып алды, баягысындай эркелетип, кучактап өөп койнуна алган жок.

- Мен мындайга чыдай албайм, баары бир кетем!

- Кетсең алып келем, мени карабайт деп айтасыңбы, эмне деген шылтоо айтасың ата-энеңе, айтчы? - деди Ашым баш көтөрө.

- Айтам, ал мени сүйбөй эле өчөшүп, шылдыңдаганы алыптыр деп ачык айтамын.

- Эмне десең ошол де, - деп кайра ары карап жатып алды.

Назгүл ыйлаган бойдон төшөктүн четине жатып калды. Дал ушундай түндөр далай өттү, Назгүл чөгүп абдан чүнчүп кетти, Ашым кээ түндөрү келбей да койчу болду, Кадыржан уулунун келбей жүргөнүн байкап бир күнү урушту.

- Ой бала, сен көзүңдү ачып жүр, үйдө жаш аялың турса кайда жүрөсүң?

- Ата, балдар менен эле жүрүп кеч калып калдым.

- Экинчи мындай болбосун, келинди чүнчүтүп жибердиң, ал дагы бирөөнүн баласы, убалы бар, - деп урушуп жатканда Назгүл эшикке чыгып тамды айлана жүгүрдү, анын жүрөгү айланып кусуп жатты. Батмакан кыраа аял, дароо сезди, келининин боюна болуп калганын билип тамакты өзү даярдачу болду, муну уккан Ашым бир аз аялына көңүл бура баштады. Улам күн өткөн сайын ичи билинип узун бойлуу келиндин мүчөсү ого бетер көркөм көрүнө баштаган, боюнда бар аял өзүнчө сулуу көрүнөт эмеспи.

- Нази, мага капа болбо ээ?

- Неге, күнөөсүз күнөөлүү болгонум үчүнбү?

- Аны кеп кылба алтыным, биз балалуу болсок баары унутулат, - деп аймалап эркелетип жатты, - Жаным, уул болсо экен ээ?

- Мен кыздуу болгум келет.

- Эмнеге?

- Деги эле кызды жакшы көрөм.

- Мен уулдуу болгум келет.

- Буйрагыны болоор…

- Макул эми капаланба, кудайдын бергенин көрөбүз.

- Ошондой десең, - Экөө кучакташкан бойдон уйкуга киришти, Ашым бойдок келин менен таанышып жүрүп алган эле, бир күнү түн бир оокумда телефону чырылдап калды, Ашым уктап жаткан, Назгүл ала койду эле:

- Ашым, сен мени унутуп калдыңбы? - деген аялдын үнү угулду.

- Сен кимсиң?

- Аа-а сенсиңби, мен Ашымдын сүйгөнү болом.

- Калп, сен бизди бузгуң келип жатат.

- Өзүнөн сурап көр, сага караганда мени жакшы көрөт.

- Калп, акмак аял гана бирөөнүн үйүн бузат, ал дайым мага таарына берет, - Сен аны баары бир кармай албайсың, ал меники гана болот! - деп Назгүл жиндене кыйкырып ийгенде Ашым ойгонуп кетти.

- Эмне болуп кетти?

- Ойношуң чалыптыр.

- Эмне-е?

- Ооба, азыр дагы бара берсең болот, - Назгүл ыйлап тетири карап кетти.

- Эмнеге менин телефонумду аласың?

- Алса эмне болот экен, же сен менин күйөөм эмессиңби?

- Зериккен аялдар чалса ошого ишене бересиңби?

- Ишенем да, түндөсү чалып алып Ашым сени эмес мени сүйөт деп жатса, биз бир үйбүлөбүз, жакында балалуу болобуз, капаланбачы эми Нази, - деп Ашым жанагыдан жибий аялын кучактап жатып алды. - Эми бирөө чалса албай эле койчу, ал бир күнү калат да, сен менин өмүрлүк жарымсың туурабы?

- Экинчи чалбасын.

- Чалба деп айтам.

- Болуптур, биринчи жолу кечирем, дагы чала турган болсо апамдарга айтам да ачык эле кетем, чыдай албайм, бала өзүм менен бирге кетет.

- Кетпейсиң, баламды алып кетүүгө акың жок, атасыз өсүүсүн каалабайм!

- Ал менин дагы балам, мени менен болот, - Экөө алым-сабак айтышып урушуп жатып бири-бирине таарынып жатып калды. Эртеси Ашым дагы жоголду, ошол бойдон эки күн жоголуп анан келди. Батмакан кейип-кепчип наалып калды.

- Үйдө кош бойлуу аялың турса кайда жүрөсүң деги?

- Балдар менен жүрдүм, тоого чыктык.

- Эки жакка чыкпагын, тескери ишиңди уксам таарынбагын, Назгүлдөн айрылсаң жакшы аялды таппайсың, кесириң башыңа жетип убалына калба.

- Апа, эмне кылып жатам? - деп ичке кирип баратканда алдынан Назгүл чыкты. Ал кийим-кечесин көтөрүп алган эле.

- Ошол аялың менен жашай бер, мен бирөөнүн алдында басынып жашай албайм! - дегенде жүн тытып жаткан Батмакан тура калды:

- Балам, сага эмне болду катыгүн?

- Балаңыздын сүйгөн аялы бар, күнү-түнү телефон чалып далай жолу айткан, сени жөн гана алып жүрөт, сен үйүндөгү күңсүң, мен анын сүйүүсүмүн деп, - Назгүл ачуусу келгенинен калтырап көздөрүнө жаш толо сүйлөдү.

- Ботом эмне дейт, ой бала аның ким эле, өзүм барып анын шермендесин чыгарып экинчи жологус кылайын, - деп уулун зекий карады, - Мен Назгүлдү эч жакка кетирбейм, мындан ары сен эч жакка чыкпайсың?

- Апа, мен абдан чыдадым, сизге эч нерсе билгизбедим, эми чыдай албайм, бул жерге кала да албайм, мени кечириңиз апа, - деп басып кетмек болгондо Ашым аны колдон кармап калды.

- Кайда барасың, мага ишенбейсиңби?

- Ишенбейм.

- Анда бара бер, мен Гүланданы алып алам.

- Ала бер, мен кеттим, - деп босогого жеткенде Кадыржан кирди.

- Силерге эмне болгон, тынччылыкпы деги?

- Тынч эле, - Батмакан күйөөсүнө Ашымды көрсөтүп кашын серпти.

- Ок ат-таңдн ооз-зугурайын десе, бир сен бизди кыйнамак болдуң го, кайда жүрдүң эки күндөн бери?

- Балдар менен эле…

- Эми жашсыңбы, балалуу болгону турасыңар, - деп Ашымды сөгүп колундагы камчысы менен жаза-буза коюп калды.

- Эмне кылып жатам, келиниң өзү эле кетем деп жатат, - Башын кашылай отуруп калды.

- Кир балам үйгө, эч жакка барбайсың, бул акмактын сазайын өзүм берем, - деди эле Назгүл эчтеке дей албай үйгө кирди.

Кеткен күндө дагы ата-энеси уятка калабы деп чоочуп жаткан, айыл эли дароо эле көрсө узаак ушак кылаары бышык эмеспи, ошону ойлонуп кетем дегени менен буту тартпай турган эле. Ичкери кирип кийим-кечелерин ордуна коюп ишине киришти, өзү көктүгү жок, ак көңүл келин, бала кезинен таарынса бат эле жазылып кетчү, Батмакан дагы аны ошонусу үчүн жакшы көрө турган, Ашымды ата-эне жемелеп жатты, ал башын жерге салып унчукпай отурду, ичинен Назгүлгө жини келип: "Шашпа сени, койнуңдан чыгып кетип таңга маал келип шүмшүк кылбасамбы", - деп жатты.

Кечинде төшөккө чечинбей жатып алып ата-энеси уктаганда үйдөн чыгып кетип эртең менен келип калчу адат тапты, кечинде үйдө жүргөн уулунан күмөн санашкан жок, бирок тагдырына таарынган Назгүл ал кеткенден кийин түндөп кетип калды. Эртең менен эрте турчу келининен дайын болбогондо: "Ооруп калдыбы, мынча жатчу эмес эле", - деп баш бакса уулу да, келини дагы жок.

- Ботом уулуң да, келиниң да жок тура, - деп күйөөсүнө кайрылды.

- Кайда кетиптир?

- Мен кайдан билем?

- Капырай айтып кетсе болмок экен, - деп кейип-кепчип жатты, Ашым түн жамынып кеткенден кийин Назгүл кетип калган, жерге жарык киргенде үйгө келсе аялы жок, ата-энесинен коркуп дароо кайнатасыныкына жөнөгөн эле. Ал келгенде Назгүл уктап жатыптыр, Ашым үстүнө кирип барып, жасакерлене өөп, кучактап кирди:

- Турчу, бар ары! - Назгүл күйөөсүн түртүп ийди.

- Кечирчи, жаным.

- Кечиргемин, сен ага татыктуу эмессиң, ошол аял менен жашай бер!

- Койчу эми, атамдар укпасын.

- Эми баарын ачык айтамын, мага сеники өттү, азыр үйүңө кетип кал.

- Сенсиз кетпейм.

- Кетесиң, сага мен эмес башка аял керек, мен эки аялдын бири болгум келбейт, түк ойлонбо кайра барат деп, - Назгүл жанына жолотпой түртүп жатса да Ашым ага жармаша берди, эрте ойгонуп сыртка чыгып бараткан Бекмат кыз-күйөөсүнүн урушуп жатканын угуп сыртка чыгып кетти. Баары дасторконго отурганда Насипкан:

- Кубалашып түн жарымында силерге эмне болду? - деди экөөнө кайрыла.

- Апа, Нази өзү эле таарынып баса бериптир, уктап жатканбыз, азыр эми мен баарын түшүнөм, атамдар дагы билбей калды, таңгалып издеп жаткандыр. Нази, жүрү кетели, - деп шыпылдай Назгүлгө жагалдана сүйлөдү.

- Мен эч жакка барбайм.

- Эмнеге, болоор-болбоско таарынып куда-кудагыйды капа кылбагыла балдар, эми балалуу болосуңар, киши болдуңар, - деди Бекмат токтоо сүйлөп.

- Ата, анча-мынчага балдар көңүл бурбай, бири-бириңерди түшүнүп жашагыла, жашоо дегендин даңгыр жолунда ар убак бири-бириңди колдоп-сүйөбөй минте берсеңер жашай албайсыңар.

- Кимиңерден кетти күнөө? - Насипкан экөөнө карады.

- Күнөө деле жок, уруш-талашыбыз деле жок апа, ата эгерде менден кетсе Назиден сиздердин алдыңыздарда кечирим сурайм, - деп Ашым Назгүлдү карады, - Мени кечирип кой Нази.

- Кечире албайм, - Назгүл болгонун болгондой айтмак болуп келе жатып кайра тим болду, айтууга оозу барбады, өзүн-өзү жеңил кылгысы келбеди, - Мен бир-эки күндөн кийин барам, сен бара бер.

- Жо-ок Нази, атамдар эмне дейт, алар мени өлтүрөт, менден дагы сени жакшы көрүшөөрүн билесиң го, кой Нази азыр чогуу эле кетели, анан кайра келесиң, эки-үч күн жүрүп анан кет макулбу? - деп Назгүлдүн чачынан сылай жасакерленип жатты.

- Болдучу! - деп Назгүл силкинип ийди.

- Нази, кой кызым, тур баргыла үйүңөргө, кудалар кыжаалат болушпасын, - деп Насипкан кызын тыйды. Назгүл Ашым менен ээрчише үйдөн чыгып жолго түшүштү, Назгүл үйдөн узаары менен:

- Сен биротоло кетесиң же мени менен биротоло каласың, - деди.

- Мен сени менен эле калам алтыным, көп капалана бербе, балага жаман болот, балабыздын ден-соолугу чың төрөлүшү керек, - деп колтуктамак болду эле ал тартып алды, жолдун жээгинен ары өтүп өзүнчө басты.

- Нази, мени кечир алтыным, биз эми бактылуу болобуз, көрөсүң го сени мен аябай бактылуу кылам.

- Түндөп кетиппи, ойношуң менен жатып кайра келип мени басынтып бактылуу кыласыңбы, эмитен баштадың сен өмүр бою ушинтесиң, көз жашымды далай жолу төгөсүң, мен баарын көрүп тургандай билем, бирок эмнеге ошого барып жатасың билбейм, күнөөм кайсы, кыз кезимде жаштык кылып катыңды окубагандыгым үчүн өмүр бою айыптап өтмөксүңбү, эсиңде болсун, мен өзүмдү кордоого жол бербейм, өлбөй өчүмдү алам, - деди ойлуу, Ашым унчукпады, азыр ал бир сөз сүйлөсө эле кайра артка кайрылып кеткени турат, ата-энесине Назгүлсүз баргысы келбейт, жеме укканча жанынын тынчын карап жатты. Алар ээрчише келгенде Батмакан эшиктин алдында болчу.

- Ботом кайда кетип калдыңар?

- Нази үйгө барып келели дегенинен эле…

- Капырай, айтып кетпейсиңерби, сары санаа болбодукпу.

- Бат эле келдик го?

- Нази, үйүңө барсаң барып бир жума жүрүп кел балам, бирөөнүн баласы чоочун үйбүлөгө келип көнүшү кыйын, барып бир топ күн жүрүп анан келесиң.

- Макул апа, - Назгүл ыраазы боло кубанып кетти.

- Менчи, мен үйдө каламбы апа? - деп Ашым жылмайып койду.

- Сен кааласаң кайнатаңдыкына барып жүрүп кел, эшик элигине күйөө бала болуп жардам берип кой, - деп Батмакан чын дилинен айтты. Айткандай эле эртеси дүкөндөн кант-конфет алып берди Батмакан, кудагыйынын үйүнө келинин жөнөткөндө куруу жөнөтпөй чоң сумкага базарлык салып берип жөнөттү, Ашым сыр билгизбей кошо кетти, аны жөн гана кыйнамакчы болот оюнда, кыз-күйөөсү келгенде Бекмат бир улак союп коноктоду, Жазгүл мектепти бүтүп жаткан, аны экзамендин акыркы күнү аркы өйүзгө ала качып кеткен экен, кечинде ачуу басар алып үч киши келип калды.

- Кулдугубуз бар куда, кызыңар бизге келин болуп калды.

- Кулдугубуз бар, - дешип үчөө тең колдорун бооруна алып туруп калышканда Бекмат токтоолук кыла:

- Эмнеге айтпай этпей алып кетесиңер, азыр заман башка, алдыбызга келип кол менен эле алып кетпейт белеңер?

- Балдар өзү сүйлөшүшкөн экен куда.

- Кызым эч качан сүйлөшчү эмес, аны зордоп ала качкан экен, өтө эле жаш, кандай ала качсаңар ошондой алып келип койгула, - деди Насипкан, - Эч кимиси жоктой болуп жолдон сүйрөй качышканын кара, Амангелди, чоң атаңдар менен акеңдерди чакырып кел.

- Куда, кудагый балдар бактылуу болсун, бири-бирин жактырышат экен.

- Шашпагыла, менден дагы улуулар бар, ошолор келсе көрөбүз.

- Эмнеге ала качат, мен алып баса берем, кереги жок ачуу басардын кереги жок, - деп Назгүл жиндене карады, - Биз Ашым экөөбүз барып алып келебиз, - деп ээлиге жөнөгөндө Бекматтын улуу агасы келип калды.

- Ассалоому Алейкум балдар! - деп Шермат кол созду.

- Алекум Салам аксакал, кулдук уруп турабыз, мүмкүн болсо ачуу басарды түшүрсөк.

- Азыр балдар, ким дегенге, кай жерге барды кыз, дайыныңарды айлыңарды айтсаңар, - деди Шермат.

- Кожобек дегенди билээрсиз, аркы өйүздөгү айылдан, - деди бири.

- Билем-билем, наабаттуу эле жакшы адам, алдыбызга келип азыркыча жаңы салт-санаа менен алып кетсе болбойт беле? - деп бир аз кыйылып туруп Бекмат менен ары барып кеңешип келди да:

- Эмесе үйгө киргиле кудалар, - деди Бекмат.

- Рахмат куда, кулдугубузду кабыл алыңыздар, - деп машинанын багажынан торпок түшүрдү да коробкадан үч-төрттү түшүрүштү, - Бул ачуу басар, - деп акча сунду, - Он миң сом.

- Болду-болду, биз кыздан алып жарыбайбыз, кызга беребиз, бактылуу болсо болду, - деп ичкери кирип орун алышты, Назгүл өзүнөн улам сиңдисин ала качып кеткенге жинденип алып келебиз деп ээликти эле Бекмат тыйып койду, апасына тултуңдап:

- Силер өзү кыздарыңардан тажагансыңар, ала качып кетсе эле кудай деп тим болосуңар, Жазгүл дагы жаш эле күйөөгө тийип эмнени көрөт айткылачы, мен барып эле алып келмекмин, - деп тыбыраңдап жатты.

- Сен барганда эле бере коебу, анча алып кеткен немелер чыгара койбойт кызым, бактылуу болсун эми, Эсенгелди менен Нургелди чоңойду, алар менен алышып мен калам, алар дагы үйлөнөм дешет, силер өз ордуңарды таап калсаңар атаң экөөбүздүн көңүлүбүз тынып калбайбы.

- Ооба, мен жыргап жатамбы, Ашым менен жашагым да келбей калды, бир күнү аны менен ажырашам, ошондо көрөсүң, - деп тултуңдай чыгып кетти, Ашым Назгүлдүн кадамын аңдып турат, апасына айткандарынын баарын укту: "Мен сени кетирбей кыйнайм, сүйбөй тийген кандай болоорун көрсөтөм сага, катымды окубай текеберлик кылганың үчүн өмүр бою азап тартасың, мен ушундай өзүмчүлмүн", - деди оюнда ары басып баратып. Ачуу басарды алып келген кудаларын коноктоп анан кийит-кече кийгизип жөнөтүп артынан кууп бара тургандыктарын айтышты. Он киши болуп эки машина менен кууп барышты, заңгыраган үйгө түшүшкөндө ыраазы болуп куда-кудагыйлары тосуп алып үйгө киргизип атайын бөлмөдөн орун алышты. Бака-шака болуп, ал жай сурашып отурганда Насипкандын сиңдиси менен абысыны Жазгүлгө кирип учурашып өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты. Назгүл дагы келген.

- Жазгүл, сени зордук менен ала качтыбы же өзүң сүйлөштүң беле? - деди жеңеси Тазагүл.

- Жеңе, мен бир эле жолу көргөмүн, айтпай ала качып келишти, - дегенде Назгүл:

- Ошону айтсам атамдар эле болбой коюшпадыбы, алып кетиш керек болчу, - деп сиңдисин кучактап ыйлап жиберди.

- Койгула кокуй, эми эмне дейсиң Жазгүл, көңүлүң жок болсо дароо айтууң керек эле, - деп таежеси Нуркан маңдайына келип көзүнө карады, - Кана, алып кетелиби же…

- Жо-ок жеңе, ушунча келип үйдүн босогосун аттагандан кийин болбой калат, кантип кетем эми, - деп жер карады Жазгүл.

- Өзүң каалабасаң деле кала бересиңби, өкүнбөйсүңбү кийин? - Назгүл тактап сурады, - Кийин ыйлап жүрбө?

- Жок кетпейм, атамдарды кепке калтыргым келбейт.

- Болуптур кызыке, бактылуу бол анда, биз конок үйгө баралы, сен отура бер, - деп Тазагүл бетинен өптү, - Кетээрде жолугабыз ээ?

- Макул, - Жазгүл алар чыгып кеткенден кийин ыйлап ийди, ал Алмазды көргөн эмес, алып келгенден кийин жеңелери көрсөткөн, көрүнүшү тыкан жаш жигит, аргасыз элдин сөзүнө калбайын деп ыйлап жатып зорго тынчыган эле. Бир ою азыр кетип калгысы келди, теңтуштарынын көзүнө көрүнүүдөн уялды: "Күйөөгө тийип келди дешсе кантем", - деп ойлонуп унчукпай калган, тегеректеген аялдардын сөздөрүн угуп башы айланып ыйлай берип башы да ооруп калган эле. Бекмат менен Насипкан үйдө калышкан эле, салтта ата-эне кууп келбейт эмеспи. Ошентип күйөө баланы көрсөтүп көрүндүк алышты. Күйөө бала Назгүлгө жагып калды, Ашымга караганда абдан жакшынакай жигит эле Алмаз, Ашым бажасы менен таанышып сүйлөшүп турушту. Эң улуусу деп Нургелдини ала келишкен. Кийиттин эң жакшыларын кийгизишип абдан сыйлашып, бирди союп кешик кылып беришти, алдына жыйырма миң сом койду эле Шермат капа болду:

- Эмнеге мындай, азыр кыздардын калыңы жүз миңден ашты, энесинен башка өппөгөн жаш кызды мектептин босогосунан чыгарып эле алдыңар, мунуңар болбойт, азыр жыйырма миң сомго эчтеке келбейт.

- Куда, ошондой болуп калды, бир жылкыны салып берели, өзүңөр сатып алгыла, - деди Кожобек ордунан туруп, - Бала шаштырып калды, кызыңарды башка бирөө ала качат экен деп туруп албадыбы?

- Макул, кыздын калыңы болбосо дагы каадасы болот, балдар бактылуу болушсун, - деп жалпы бата кылышты. Назгүл сиңдисине учурашып анан кетишти. Алар келгенде Бекматтар уктабай күтүп жатышкан, баары келип бакылдап отурушуп анан кетишти, эртеси жылкыны жетелетип ийген экен. Бекматтын коңшулары кеп таппай турушканбы, бири-бирине шыбырашып жатып калышты:

- Байкуш, Бекматтын кыздарына бак берген экен, мектепти бүтүрбөй эле экөөнү тең ала качып кетти, Насипкан кайкалап эле болбой калды го?

- Ошондо деле баягы эле Насипкан да.

- Ооба десең, кыздары бактылуу болсун эми.

- Бечара, кыздары жакшы чыкты, эки жакка чыкпай тартиптүү болуп өскөн, энеден деле эмес, өздөрүнөн эле болот тура.

- Бекмат өзү жакшы киши да, балдары атасын тартышкан экен.

- Эк мейличи, баса тиги Айтбайдын кызы отузга чыкты, насиби көтөрүлбөй эрге тийбей калды го?

- Ооба, ал деле акыл-эстүү жакшы эле кыз, эмнеге күйөөгө тийбей жүрөт десең, окуп-чокуп деги алды, иштесе иши бар.

- Ар нерсенин өз убагы болот тура, ага дагы бир күнү бактысына бирөө чыгаар, - дешип ар кайсыдан кеп кылып жатып тарашты. Насипкан эртеси коңшу-колоңун чакырып кешик ооз тийгизди, бакылдашып бата берип тарашты. Назгүл апасы экөө даярдык көрө башташты, жууркан төшөгүн тигип, көшөгө жасап, кыз-күйөөсүнө кийим-кече, куда-кудайыгына баш кийит алып камынып көпкө жүрүп калды, Ашым үйүнө кеткен, ал ошол күнү дароо эле ойношуна барды, Гүланда деле ак саргылынан келген жаш келин, өтө куу, Ашымды биротоло кетиргис кылып арбап алам деген ойдо жүргөн.

- Ийи келипсиз? - деди Гүланда Ашымды көрүп эле.

- Келип калдык, кандай акыбал?

- Сен көргөндөгүдөй.

- Ошонуң жакшы экен, таарынган жоксуңбу? - деп эңиле берип өөп койду, келин чыртыя көзүнүн төбөсү менен карады.

- Катыны бар эркекке жалдырап күнүм түшкөнүн карачы, андан көрө бойдок эркек менен жүрсөм күндө жанымда болмок экен.

- Койчу эми Гүланда, аялым бар экенин башында эле билгенсиң туурабы жаны? - Кучактай төргө жыкты, - Сагынып кеттим.

- Мен дагы, - Экөө кучакташып көпкө жатышты.

- Таарынычың жазылдыбы алтышка?

- Жазылды, бирок сен аялыңда көңүлүң болбосо ажыраш да.

- Ата-энем ажыратпайт го, аялым аларды колго алып койгон, - Ашым күлүп койду, - Келинин мага караганда жакшы көрүшөт.

- Ошончолук жакшы аялың барбы? - Мыскылдай күлдү.

- Абдан жакшы аял, жакында төрөйт.

- Балалуу болом деп кубанып жүргөн экенсиң.

- Туура, бала деген жакшы эмеспи?

- Анда мени унутат экенсиң да.

- Жок, сени унутпайм, сени менен түбөлүк бирге болом.

- Кантип?

- Ал атамдардын келини, сен меникисиң.

- Ошо кантип болсун, үйбүлөң менен бол дагы мени бошот, мен дагы жашашым керек, өмүр деген билинбей өтө берет экен, сени күтүп зарыгып тажап кеттим Ашым.

- Кечир, бирок сени эч кимге ыраа көрбөйм.

- Бирибизди танда, же мени, же аялыңды.

- Бала менен кетире албайм го?

- Анда мага келбе, мен башканы таап күйөөгө тийишим керек.

- Койчу эми чыдай турчу.

- Кантип чыдайм, сен аялыңдын койнунда жатсаң, мен ойлонуп шыпты карап жатсам ошонун мага кереги барбы, балалуу болсоң дагы канчага келбей каласың, дагы күтүү менен убакыт өткөрөм, чынында менин жашоом өкүнүч менен өтүп жатат. Гүланда улутунуп өйдө болду, - Эркектер аялдарды эрмек үчүн гана пайдаланасыңар, күтүп көзүн жалдыратып жатканы силер үчүн кеп дагы эмес, мен дагы турмуш куруп бактылуу болгум келет, бала жытын жыттагым келет, - деди көз жашын кылгырта.

- Койчу алтыным, менден деле төрөй бер, экөөңөр менен тең жашайм, - деди Ашым эрдемсий кучактап өөп.

- Сенден боюма болсо нокотек болот, сен мойнуңа албайсың да, бала меники деп ачыкка чыгара турган болсоң төрөйм.

- Чыгам, Назгүлдү көндүрөм, экөөңөр ынтымактуу болсоңор эле болду да.

- Ишенбейм, аялың көнбөйт, сенин айтканыңа макул болбойт.

- Аны көндүрөм, акыры көнбөй кайда бармак эле, - деп Ашым болбой эле убада берип жатканда Гүланда ага жини келип кетти, бирок эч нерсе деген жок, анын дагы бир жигити бар эле, эшиги такылдап калганда чыкса Эрик экен:

- Эрик, үйгө апам менен сиңдим келип калыптыр, эртең келчи ээ? - деп акырын айтып кетирип ийди, аялдын амалы кырк деп бекер айтпаса керек.

- Ким экен? - деди Ашым.

- Коңшу келиптир, үйдөн чай ичип кел дейт, - деп дагы бир амалын таап жайгарды.

- Эмне дедиң анан?

- Коногум бар эле деп койдум, кетпейсиңби же…

- Бүгүн түнү бою сеникимин.

- Азамат, бир түн эмес түбөлүк мендик болсоң кана?

- Буйруса аракет кылам, сен түндөсү чалбай жүр ээ?

- Макул, аялыңды аяп жатасыңбы?

- Сени айрыкча аяйм, анткени ал дагы катуу айтса жүрөгүң ооруп калат го?

- Рахмат, мен жөнүндө ойлогонуңа, - деп Гүланда даяр тамагын алып келип дасторконго койду, - Кел тамактаналы.

- Кардым ачты эле, кана сенин тамагыңды сагындым, - деп алдындагы тамакка кашык салды.

- Сен өзү иштейсиңби?

- Эмнеге сурайсың?

- Деги да, иштебесең эки аялды кантип багасың дейм да.

- Мал-сал бар, жетет баарына, азыр атам өзү карайт, акыры меники да.

- Өз алдыңча болгонуң жакшы болмок, ойнош болгонуңа жараша мага бир жакшы нерсе белек кылбадың, ойнош деген багат, карайт.

- Шашпа, жакында мал сатамын, ошондо жакшы белек алып берем, өзүң кандай белек алганды жакшы көрөсүң?

- Менби, алтын-күмүшкө өтө баа берем.

- Болуптур, шакек алып берем ээ?

- Жарайт, андай болсо жер баспай калам го, ойношум алып берди деп.

- Ойнош дебечи Гүланда.

- Эмне күйөөм деп айтамбы? - Жылмая сырдуу карады.

- Эми жөн эле айтсаң, акыры бир күнү күйөөң да болом, нике кыйдырам, көрөсүң го, баары көнүшөт, - деп Ашым күлүп калды, - Көнбөскө аргалары да калбайт.

- Жарайт, эки жыл күтөм, ошого чейин бир жаңсыл кылбасаң мен өзүмдү кармай албайм, - деди Гүланда. Ошол кезде Ашымдын телефону чырылдап калды:

- Ало, Назгүл эмне болду?

- Кайда жүрөсүң, ичим ооруп жатат, - деди ыйламсырай.

- Апама айтпайсыңбы?

- Уялып жатам, суу кетип жатат.

- Азыр барып калам, классташтарым менен отурган элем, чыдай тур барып калам, - деп Ашым Гүланданы карады, - Аялым толготуп калыптыр, мен барайын жаны капаланба, төрөтканага жеткирем да кайра келем, - деп өөп коюп чыга жөнөдү.

- Барсаң бар, бирөөнүн эри аманат деген ушул да, - деп Гүланда суз кала берди. Назгүл катуу кыйналды, түнү бою толготуп таңга маал кыз төрөдү, Ашым жеткирип коюп эле кетип калган, ал кыз экенин угуп келбей койду, Назгүл өзүнчө арман кылып кайненеси менен абысындары-классташы Айнура болуп келгенде кубанып үйүнө чыгып кетти. Кыз төрөгөнгө Батмакан аябай кубанды.

- Айла-анайын жаңы көз, ушуну ырас кылдың балам, кызым жок эле, менин башымды карап берет, - деп көзүн ача элек наристени мурдунан чымчып өөп коет.

- Экөөбүзгө чай кайнатып берет го кемпир, атын ким коебуз эми? - деп Кадыржан дагы күлүп калды.

- Атын Арууке койсок кандай болот атасы?

- Назгүл эмне дейт, тиги жинди уулуң кайда жүрөт ыя?

- Ким билет, ал кыз экен деп чанат жаман, кызды дагы сүйгөнүнө берет кудайым, кызды берген кудай уулду да берет го, - деп кейип отурушту. Эртеси Кадыржан Садыктын үйүнө басып барды, - Садык үйүндө эле.

- Келиңиз аяш ата, небере кут болсун.

- Андай болсун балам, сен Ашымды көргөн жоксуңбу?

- Аа-а, жок-жок, - деп Садык тайсалдай түштү.

- Жашырба балам, аны таап бер, эгерде мен ошол келиндикине барсам жаман болот, сабап туруп алып келем, сен барып айтып үйгө жибер, - деди Кадыржан ойлуу, - Чектен чыгып баратат, же биротоло балалыктын кечип коерумду айт балам, - деди да кайра артына бурулду.

- Жарайт ата, нан-пан ооз тийсеңиз боло.

- Жок балам, ишиңди кыла бер, Ашымды артка кайры, - деп жөнөп кетти.

- Макул ата, - деп кала берди, бир күн мурун Ашым Садыкка жолугуп кеткен, кыздуу болгонго капаланганын айтып мас болуп кеткенде ага бир топ акыл айткан эле, бирок ал уккусу келбей койгон. Эмне кылаарын билбей Гүланданын үйүнө бармак болуп кечке маал бармак болуп өз ишине киришти. Ашым Гүланданын үйүндө ичип жаткан, ал жини келип аны кет дей баштады, ошол күнү ага Эрик келмек.

- Ашым, сенин ичип алып жатканың мага жакпайт, кыздуу болгонуңа капа болсоң аялыңа айт, мен чыдай албайм, бир тыйын кирешең жок, жатып алып эле ичесиң, мага пайдаң жок, - деп наалый баштады.

- Гүланда, сен мени кубалабачы, мен сени сүйөм алтыным, мен сени менен калам, - деп Ашым болбой өжөрлөнүп жатты.

- Сен мени убактылуу эле алдап жатасың.

- Жок алтыным, сени чындап сүйөм, ишен мага, - деп эшикке чыкмак болуп баратканда эшик ачылып Эрик көрүндү, - Сен кимсиң? - деди Ашым ага.

- Сен өзүң кимсиң?

- Мен Гүландага үйлөнө турган жигитмин, - дегенде Гүланда чыга калды:

- Силерге эмне керек, экөөңөр тең кеткиле азыр?

- Гуля, мунуң качан пайда болгон, айтчы мага? - деп Эрик Гүландага кайрылды, - Сен өзүң кет десең кете берем, болбосо мына мунун оозун кыйшайта коем азыр.

- Эрик, экөөңөр тең жоголгула, менин үйүмдөн уруш чыгарбагыла, Ашым сен дагы кет азыр, болбосо милиция чакырам.

- Гүланда, муну менен качантан бери таанышсың? - деди Ашым, - Мен сага ишенип жүрсө сен ушундай белең? - дегенде Эрик Ашымды жакасынан ала сыртка сүйрөп чыкты, Ашым аны сөгүп-сөздөп сүйлөй берди эле жол тарапка алып чыгып тумшукка бир коюп:

- Сен Гүланданын жанына жолобой жүр, эгерде дагы бир жолу көрсөм таарынба, - Сенин үйбүлөң бар экенин билем, мен ага үйлөнөм, азгырбай өз жолуң менен бол! - деди да түртүп жиберди.

- Эн-неңди, Гүланда сага тийбейт, ага мен үйлөнөм, мени сүйөт, - деп Ашым кайра айтканда Эрик жетип келди.

- Эмне дедиң, Гүланда сени сүйөбү?

- Ооба, мен аны менен бир жылдан бери жүрөм.

- Мына сага, сени өлтүрүп салам! - деп бир коюп жибергенде жыгылып кетти, Эрик аны тепкилей баштады, Гүланда жетип келип:

- Эмне болду силерге, азыр экөөңөр тең жоголгула, аны өлтүрүп коесуң, кое бер! - деп Эрикти түртүп Ашымды тургузду, - Кет, кетип кал үйүңө!

- Мен эми кетпеймин, сени тетигиге бербейм, - деп тамтаңдай үйдү көздөй басканда Гүланда жетелеп жолдон өткөрүп койду.

- Эрик, сен дагы кет, азыр мага эч нерсени каалабайм, бар кетип кал.

- Гуля, койчу эми, мен сени сүйөм, эртең эле сага үйлөнөм.

- Жок, мен сага тийбейм.

- Гуля алтыным, мен сенсиз жашабайм, сени менен баш кошом.

- Болбойт, бүгүн бара бер, эртең сүйлөшөбүз.

- Болуптур, эртең келейин, сен айткандай болсун, - деп Эрик Гүланданы кучактайын дегенде ал аны акырын көкүрөккө түртүп койду.

- Болду, бар кет.

- Гуля, сен дагы мени сүйчү элең го?

- Мен эч кимди сүйгөн эмесмин.

- Жок-жок Гуля, сен мени эмес, өзүңдү алдап жатасың, - деп болбой эки карыдан кармай калып өзүнө каратты, - Кана, менин көзүмө тике карачы, - Эшиктин алдына жарыкка келишти, - Менин көзүмдү карап туруп айтчы? - деп күйүп-бышып жатты.

- Эрик, менин башым ооруп чыкты, барчы кудай жалгагыр.

- Сенин башыңды жанагы ит оорутуп кеткен го, башыңды айлантып койгон экен, мага ишенесиңби же ошого ишенесиңби, эгерде анын сөзүнөн чыга албасаң мен кете беремин, бирок кайрылбайм Гуля, ачыгын айт.

- Мен эч кимге ишенбейм, жалгыздык өзүмө жагат, бар Эрик кетчи, - деп үйүнө кирмек болуп кетип жатканда.

- Болуптур, кош бол, мен сага ишендим эле, - деп Эрик ылдамдай басып тамды айлана бергенде Гүланда.

- Эрик, Эрик токто! - деп артынан кыйкырды, - Эрик, Эрик токто дейм!

- Эмне, айтаарың болсо айт тезирээк.

- Жүрү үйгө, жүрсөң эми, - Жетип колунан тартты, - Таарынбачы Эрик.

- Экинчи кубалабайсыңбы?

- Жок, ачуумду Ашым келтирип, урушуп жаткамын, анан сен келип калбадыңбы, таарынбачы эми, - Экөө ээрчише үйгө киришти.

- Мен жокто жанагыңды киргизип алат экенсиң да, мен жумушта жүрсөм, айлыгымды алып сени бир майрамдатып көңүлүңдү ачайын деп келгемин Гуля, кайдагы бир аялы бар эркекти киргизип алганың кантип болсун? - Эрик ички таарынычын айтып төрдөн орун алды, дасторкан жайылуу бойдон эле, аны көрүп ого бетер кызганым кетти.

- Кечирип койчу эми, ал жөн эле келе берет, мен урушуп кетире албай жаткан болчумун, сен келбегенде дагы көпкө башымды оорутмак, деги жалгыз бой аялга эркек аттуунун баары эле көз салып, сөз айта берет экен, - деп кейий кетти курулай Гүланда, бул актануусу эле, - Чын көңүлү менен алайын деген эркек жок, тийишип эле башты оорутушат.

- Мен айттым го сага, чыдай тур деп, мен сага үйлөнөм.

- Качан, сен деле калп айтып жүрөсүң, болбосо алда качан эле…

- Шашпа, дагы бир ай иштеп толук расчет алам, ошондо сени апама ээритип барып арнаган аппак жоолугун салынтам, ойлонуп жооп берсең Гуля, апаң менен сиңдиң азыр кайда, аларды сыйлашым керек, анан канча киши барат, сен үчүн баарына даярмын түшүнсөң Гуля, мени аябай капа кылдың.

- Таарынба алтыным, андан көрө тамактан ичели, мени сагындыңбы?

- Аябай сагынып келгемин, баарын буздуң.

- Кой эми, баарын унут, мен сен үчүн дапдаярмын, бүгүн алып кетсең дагы макулмун, абдан тажадым, - деп Гүланда жылмайып келип Эриктин мойнуна колун ороду, - Мен сени

сүйөм Эрик.

- Мен дагы, - Экөө өбүшүп калды, - Жаным…

- Сен менин жанымсың, ий баса апамды сурадыңбы?

- Ооба.

- Апам айылда эмес, жакында эле сиңдим шаарга алып кеткен, мени шаарга иштеп кет дегенинен болбой койдум, өзүм шаарга баргым келген жок.

- Сен кетип калсаң мен эмне кылам алтышка, жакында үйлөнөбүз, эки кудагыйды тааныштырып үйлөнүп алгандан кийин мен сени шаарга алып кетем, макулбу жаным? - Эрик аны өпкүсү келбей жийиркенип турса дагы ооз учунан өптү, ал Ашымды көрүп кызганып да, жаман көрүп да, ишеними кетип ирээнжип турган эле.

- Менин атамдын бир тууганы бар Эрик, атам жашымда эле өлгөн экен, эки кызды багып апам күйөөгө тийбей калыптыр, менин тийген күйөөм дагы ойдогудай болбой ажырашып кеткемин, апам шаарга кеткенде үйдө жалгыз калам.

- Макул Гуля, мындан ары сенин үйүңө эркек кирип чыкпасын, сени башка эркек менен эми көрсөм анда экөөбүздүн ажырашканыбыз, сен мени, мен сени көрбөйм.

- Жарайт, сен айткандай болсун, - Эркелей ууртунан чымчып койду. Ал күнү Эрик Гүланданын үйүнө түнөдү.

Ашым бети-башы көгөрүп үйүнө кеч күүгүмдө келди, аны эч кимиси көргөн жок, ата-энеси менен Назгүл тамак ичип жатканда төркү бөлмөгө кирип жатып алды, эртеси түшкө чейин сыртка чыга албай жата берди, карды ачып көздөрү ачышып зорго чыдап жатты, акыры сыртка чыккысы келип эптеп чыкмак болду эле кыймылдаганда эле бүткөн бою ооруп кетти, ошол убакта Назгүл бөлмөгө кирип келип эч нерседен капарсыз өз жумушу менен келген келин кийимдерди киргизип жатып шфонерди жаап кайра чыгып баратып күйөөсүн көрүп бакырып жиберди.

- Аа-ай!

- Эмне, жүрөгүң түшүп калдыбы? - деди кекете Ашым.

- Качан келдиң эле? Кебетең эмне болгон?

- Эчтеке, - деп ары бурулуп кетти Ашым.

- Жакшы болуптур, - деп Назгүл чыгып кетти, ал кайненесине айтты эле ал наалып кирип анын түрүн көрүп.

- Карангү-үн, эмне болгон сага, кайсы ниетиң куурагыр минтип уруп жүрөт? - деп жанына келди, - Ким менен мушташып жүрөсүң?

- Эч ким урган жок, өзүм жыгылдым.

- Ошончо эмнеге ичесиң кокуй, уят дегенди билбей калдың го?

- Апа койчу, башым ооруп жатат.

- Атаң келсе мунун үстүнө дагы кошот, жини келип жүрөт.

- Мейли, өлтүрүп салсын.

- Жаныңдан тойдуңбу ботом, токтолуп киши болуп калды деп жүрсө сени кудай урду го балам, өзүңдү сыйлай албасаң кимди сыйлайсың деги?

- Койчу апа, өзүм өлгөнү турам, - деп Ашым сыртка жөнөдү.

- Эми кайда жөнөдүң ыя?

- Эшикке эле, - деп бурк эте чыгып кетти, Кадыржан анын келгенин көрүп сөгүп, урушуп жатты.

- Мындай болсо эмнеге катын алдың ыя, жөн эле жүрө бербейт белең, эми Назгүлдү кызы менен төркүнүнө кетир дагы өзүңдү-өзүң билип жүрө бер, бирөөнүн баласын кордобой.

- Кете берсин!

- Ат-та-аңдын оозугурайын акмак десе, сенин өзүңдү жоготомун, шашпагын сениби! - деп таягы менен кезеп ачууланып жатты. Бир жумадай жаракаты кетпей үйдө жатты, Назгүл кызы менен алышып ага карабады, Батмакан өзү чай тамагын берип күйпөлөктөп, жарасына дары сүйкөп жүрөт, Кадыржан эч кимиси менен сүйлөшпөй күңгүрөнүп жүрөт. Кыркы чыккыча үйдө болсун, өзүм карайын деп Назгүлдү Насипкан алып кетти, анткени Жазгүлдү төркүлөтөбүз деп айттырып ийген экен. Аны угуп Кадыржан абдан капа болду, балалуу болгуча келинин төркүлөтпөгөнгө уялып калышты, эки баласын чакырып кеңешип, Ашымды ортого алып тилдеп жатышты.

- Кана, эмне дартың бар, Назгүлдүн айыбы бар болсо аны ачык айт, ичиңе катканда эмне, өзүңө зыян, аракка берилип жоголосуң, эмнеге жинди болуп жүрөсүң? - деп улуу баласы Жакысы жиндене инисин карады.

- Назгүлдө күнөө жок, мен аны сүйбөйм, ошондуктан аны менен жашагым келбейт, ошол бойдон кете берсин, - деди Ашым үңкүйө.

- Сүйбөсөң неге алдың, сүйөм деп жатпадың беле?

- Кийин түшүндүм, мен аны жөн эле сүйөм деп ойлоптурмун.

- Болуптур анда, ушул бойдон келбейт, сен дагы каалаган жагыңа кет, баласы менен аял кетиргенди тапкан экенсиң, Гүландага үйлөнөсүңбү анан?

- Ким айтты аны?

- Сенден башканын баары дөдөйбү?

- Калп айта беришет да.

- Гүландага барып жүрүп токмок жегениңчи?

- Калп айтат ким болсо дагы.

- Өзүңдөн башканыкы калп экен да көрүп турса дагы.

- Ооба, баары калп.

- Чындап Назгүл кетсинби?

- Кетем десе кетсин, мен кетирген жокмун го?

- Баш-шы жок, сен мына бул карыган ата-энеңди багасыңбы же азапка салып жүрө бересиңби ыя?

- Багам да.

- Анда Назгүлгө барасың, кайра алып келесиң уктуңбу?

- Ооба барам.

- Үйдөн кадам аттап чыксаң өзүм ошол жерден сабап алып келем.

- Барбайм.

- Кийинки айда Назгүлдү төркүлөтөлү балдар, бирди төрөгүчө төркүнүнө алып барбай, алдына түшпөй уят болдук, кечээ эле тийген кызы төркүлөп келет экен, эл эмне деп жатат, - деп кейиди Батмакан.

- Барабыз апа, бул балаң өзүн колго алсынчы.

- Силер тарбиялагыла, эгер болбосо айла канча, жолдо кала берсин, адам катарынан чыгат, өзүнө жаман, - деди Кадыржан.

- Ата, апа, эми эч качан үйдөн чыкпайм, Назгүлгө барам да алып келем, кызымды кетирбей адам болуп жашайм, - деп Ашымга тил кирди.

- Эми сен барганда келбейт, сен үчүн эмес бизди сыйлап жүрөт бечара келин, канчага чыдамак эле, бир күнү ал дагы тажап басып кетет да, уялсаң боло балам.

- Болду дедим го, жинди болдум, эми кайталанбайт.

- Мейли эми, жашоо өзүңдүкү, келечек тагдыр сеники.

- Ооба-ооба апа, - Ашым башын ийкегилеп баарына макул болуп жатты, Жакы менен Акыш экөө өздөрү келген, түндөп үйүнө кетишти. Кадыржан менен Батмакан Ашымды жемелеп бүтүп кайра боору ооруп тим болду, ошонун эртеси Батмакан Гүланданын үйүн сураштырып басып барды. Гүланданын апасы келип калган эле, ал Батмакан аны, ал Батмаканды билет экен, экөө тааныш болуп чыкты, бири-бирин көрүп эле жакшы учурашып калышты.

- Кайдан жүрөсүң курдаш?

- Айылдап келдим да.

- Келгениң жакшы эмей, кел нанга кара.

- Биссимилла, - Батмакан эңкейип нан ооз тийди, - Гүланда сенин кызыңбы.

- Ооба, улуу кызым, эмне болду?

- Үйдөбү?

- Ооба.

- Мен Гүланда менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Мейли, чакырып коеюн, - деп Сайкал жаман ою жок эле, үйүнө кирип кетип бат эле чыкты, Гүланда Ашымдын апасын таанычу эмес, көрүп таңгала.

- Келиңиз, - деди чоочулай.

- Келдим кызым, сени менен зүмчө сүйлөшөйүн дедим эле.

- Айта бериңиз.

- Мен Ашымдын апасымын, - дегенде Гүланданын жүзү өзгөрүлүп кетти, колдорун аркы терки ушалап жер карап калды, - Сен өңдүү-түстүү эле, акыл-эстүү келин экенсиң кызым, Ашымды азгырба, балалуу да болуп калды, баягы күнү келтек жеп барды, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, эсиң барда этегиңди жый деген сөз бар, апаң жакшы аял, мен башынан тааныйм, энеге жаман сөз тийгизгениң болбойт кызым, үйбүлөсү бар немени азгырып жүрүп башка бирөөгө токмоктотконуң уят иш, - деди да Гүланданын жүзүнө тигилди, ал көздөрүн ала качып, апасы угуп калбасын дегендей сактанып турган эле.

- Кечирип коюңуз, мен азгырганым жок.

- Ылайым ошондой болсун, экинчи сенин атыңды укпайын.

- Макул, башка кайталанбайт.

- Жарайт ишенейин, - деди да сыртты карай жөнөдү, Гүланда аны бир топко карап туруп анан үйүнө кирди.

- Эмне жумушуң бар эле кызым? - Сайкал ал кирээри менен сурады.

- Жөн эле, бир жумуш менен келиптир, - Гүланда көзүн ала кача ички бөлмөгө кирип кетти.

- Зарыл жумушу бардай, сенде кандай иши бар экен, кайрылып үйгө кирбей кетти, - деп Сайкал ойлуу отуруп калды.

- Анын эмнесине баш оорутасыз апа, келсе келип кетти да.

- Ошентсе дагы…

- Эмне жакшы тааныш белеңер?

- Оо илгери, кийин бир гана окуядан улам сүйлөшпөй калган элек.

- Анда силер жигит талашкансыңар го? - Гүланда күлө карады апасын.

- Ошого жакыныраак.

- Жакыны кандай?

- Ал бир узак да, кыска дагы эмес бир болуп өтчү окуя балам.

- Айтып берчи апа.

- Эмне кыласың? - Сайкал кызын ормое карады.

- Уккум келип жатат.

- Аны укканда эмне, - Сайкал ойлуу телмире отуруп калды.

- Апа, айтып берсең эми, мен кимге айтмак элем?

- Айтса айтып берейинчи, өлсөм сөөгүм менен кетээр бир окуяны эки көзүмдүн бири болгон сенден аябай эле коеюн, - деп Сайкал оор күрсүнө үшкүрүп алды да сөзүн баштамак болуп тамагын жасай, оңдонуп отурду.

Анда мен он төрттөгү кыз элем, атам байкуш балалуу болбой жүрүп мени көргөндө кыйын кейиптир. Апам кубанып жатса.

- Оо жараткан, бергениңе жараша уул берсең болбойт беле? - деп кирип-чыгып кейий бериптир.

- Мен ушул кыз болсо дагы денемди жарып бала чыкканына жетине албай турам, ооз кесириң башыңа тийсин, - деп апам урушуптур.

- Артымда уул калса кармаган күткөнүмө ээ болот эле го, кызың эрге тийип кетсе журтум ээн калат, - деп атам өңгүрөп жети күн бою ыйлап туруп алган экен, ошондо жакын агасы ага келип:

- Ой Уста, эмне деген жансың ыя, кыз эмес кызыл битиң жок эле го, бул да болсо кудайдын бергени, кыз да болсо туяк, кудай кызды берди, уулду дагы берээр, кесир кылба, - деп тилдеген экен.

- Ырас эле, кудай берээрин унутпасынчы, кызымдын атын Сайкал коюп эркекче кийинтип багам, келе кызымды колума берчи! - деп мени колуна алган экен, биринчи жолу чекемден жыттап бооруна кысыптыр. Ошентип мени бутум баскандан баштап эркекче кийим тиктирип өзү ээрчитип, атка өңөрүп жүрүп бешке чыкканымда гана апам уул төрөгөн экен, анын атын Курманбек коюп атам ушундай сүйүнгөн дечү. Онго чыкканымда апам чачымды тарап төбөмө түйүп туруп калпак менен бастырып койчу экен, үйгө конок келгенде мени эркек деп ойлошчу экен. Бир күнү дагы уяттуу конок келип Курманбек менен тулуптагы чүкөнү төргө жайып ойноп жатсак:

- Ок мурдуңдурайын, кел устукан ал! - деп мени чакырып жилик сунду бири, мен эчтекеден капарсыз жүгүрүп барып алып жей баштадым.

- Бар, апаңдын жанына, - деп атам кабак бүркөй карады.

- Тим кой, уул баланын атасынын жанында болгону жакшы, - деди эле атам кабак бүркөй минтти:

- Азырынча конок бар, жөнөкөйдө ала жүрөм.

- Макул Устаке, сен конокту башынан сыйлаган жансың, бала тарбиялуу болгону жакшы, абдан сак, так жүргөн адамсың, - деп сүйлөшүп жатышты, мен апамдын жанына отуруп калдым, Курманбек анда жаш, ошондон кийин мага кыздын көйнөгүн кийгизип, үкү тебетей жасатып берди. Ал убакта үкү тебетей кийген кыздар аз болчу, атамдын колунда бар, мектепке окууга жөнөтөт, иним дагы окуп калган, он төрткө чыгып калгамын. Ушу Батмакан менден үч жашка улуу кыз болчу, анда жетинчи, алтынчы классты бүтүп күйөөгө тийе берчү. Батмакан ошондо бойго жетип Куржунбай менен сүйлөшүп жүргөн экен. Анын атасы жашында өлүп апасы үч бала менен жесир калып өстүргөн эле. Куржунбайдын атасы Батмаканды келин кылгысы келбей атама келип кызыңды бер дептир. Көп өтпөй эле калыңды айдап келип куда түшүп кетти, кийинки жылы алып кетмек болду, Куржунбай мени менен жеңем аркылуу жолукчу болду, Батмакан үйүнөн чыкпай ыйлап жатып калган экен. Он бешке чыкканымда мени алып кетишти, менден кийин Батмакан күйөөгө тийди, азыркы күйөөсү жетим бала экен, намыстанып тийип кетти дешти. Мен дагы төрөбөй жүрүп сени төрөдүм кырк бешимде, анан Гүлсананы төрөдүм, атаң силер жашыңарда өлүп калды, ошндо Батмакан батага келип, мени менен сүйлөшүп, көңүлүмдү көтөрүп кеткен кызым, ошол бойдон жолукканыбыз ушул, - деп сөзүн аяктады Сайкал, - Менин жалгыз иним Курманбек тайкең.

- Анда ал атамды катуу сүйгөн экен да?

- Ошондой го?

- Атамчы, ал аны сүйгөнүн билгизген жокпу?

- Түнөрүп көп сүйлөчү эмес, болгон сырын күңгүрөнгөн комузу менен бөлүшсө керек эми ойлосом, бирок бир дагы жолу жаман айткан жок байкуш.

- Ай-ий, илгеркилер деле сүйүшкөн экен да?

- Ботом, жаштык бар жерде сүйүү болбой койчу беле? - Сайкал мулуңдай кызын карап койду, - Андагы жаштардын сүйүүсү азыркыга караганда бекем болоор эле, азыркылардай кантип болсун кызым.

- Ошондой экен да, мен андагылар сүйүүнү түшүнбөсө керек деп ойлоп жүрбөйүнбү, - Гүланда ойлуу жаагын таяна отуруп калды.

- Ошондой кызым, азыр силердин сүйүү дегениңер көздүн жашы, көкүрөктүн дарты, балдар бир кызды сүйөм деп айтып анын ички дүйнөсүн аңтарып билип алгандан кийин дагы бирөөнө сүйөм-күйөм деп кыздардын көз жашын агызып коюп, өмүр бою унутулгус азапты башына салып жатпайбы, - деп кыңкая жатып калды. Гүланда унчуккан жок, ал көп эле эркектен укту, сүйөм-күйөм деген сөздү, бирок эч кимиси чын жүрөгүнөн сүйбөсө керек, колун сурап үйлөнөм дегени чыкпады. Жан алы калбай үйлөнөм деген Эрик дагы дайынсыз жоголду: "Иштеп жүрөт", - деп Гүланда андан үмүт үзбөй өзүн алдаган болот. Батмакан токтоо сүйлөп жумшак айтканы аны абдан уялтты: "Ашым өзү келип жүргөн эмеспи, адегенде эле аны арбаганым жок, аялымды таптакыр сүйбөйм деген өзү эмес беле", - деп ойлонуп жатты: "Эгерде Ашым экөөбүз мурун таанышканда деле каршы болмок экен да, сүйгөнүн тартып алган аялды ал кантип кудагый кылмак эле", - деп дагы ойлонуп ийди, ошентип ал Эрикти күткөндөн башка аргасы калбаганын билди.

Батмакан Гүланданын Сайкалдын кызы экенин билгенде уйгу-туйгу ойлор ар жагынан келип жашы өтүп калган кезде дагы илгерки өткөн окуяны эстеп өзүнөн-өзү жаман абалга туш болду: "Курган өмүр, байкалбай өтүп баратса да жүрөктүн өткөн окуяны унутпай эске салганын карачы, эбак унуттум деп жүрбөдүм беле", - деп башын чулгуй арт жагын бир карап алды да өткөн бир окуяны эсине түшүрдү. Анда Куржунбай жыйырма төрттөгү кези эле, Батмакан анча-мынча кыздан сулуусу да, улуусу да ошол болчу, апасы согуштан кийин орок оруп, буудай бастырган келиндер менен иштечү, окуу бирде болсо бирде болбой төртүнчү классты бүтүп үйдөгү иниси менен сиңдисин карачу. Күндө өзөн бойлоп сууга барганда Куржунбай сууга келээр эле, алдынан чыгып:

- Арбаңыз сулуу? - деди бир күнү.

- Бар болуңуз, - Кыз уяла жер карады.

- Батмакан, мен сени жактырып калдым.

- Жок, андай дебеңиз, бирөө укса уят, - Батмакан жолдон өтүп кетүүгө шашылды.

- Кайда Батмакан, мен сени сүйөм, уктуңбу сени жакшы көрөм, сага үйлөнөм, - деп жолун тосуп калды.

- Мени кое бериңиз, апам билсе өлтүрүп коет.

- Эчтеке эмес, апабыз бизди түшүнөт, эртең ушул маалда күтөм, дал ушул жерден, Куржунбай атын жай бастырып кетип калды. Батмакан эки бети албыра үйүнө келди, ошондогу жаш жүрөгүнүн чыгып кетчүдөй болуп төшүн тебе дүкүлдөп, дабышы кулагына угулганы эсине түшүп колун көкүрөгүнө коюп туруп калганын сезбеди, бир ордунан козголбойт, жанына өтүп бараткан өспүрүм аны таңгала карап турду да.

- Апа, ооруп калдыңызбы, жардам керекпи? - деди кайрыла, үн чыгарбаган соң маңдайына келип, - Апа, ооруп жатасызбы? - дегенде селт этип алган Батмакан.

- Эмне керек балам? - деди кайра ага суроолуу карап.

- Сиздин жүрөгүңүз ооруган жокпу, колуңузду жүрөк тушуна коюп алсаңыз ооруп калдыбы деп ойлогом.

- Аа-а кокуй, жок айланайын, - деп өзүнчө жылмайып алды, - Ордуганым жок балам, кичи пейилдигиңе рахмат садага.

- Анан эмнеге кыймылдабай турдуңуз?

- Башым эле бир аз айланып, - деген Батмакан жолун улады, өспүрүп ийинин куушуруп коюп узата карап калды, Кадыржан үйдүн эшигиндеги отургучта отурган экен, кемпирин көрө ээгин экчей суроо узатты.

- Бардыңбы?

- Ооба, жолугуп сүйлөштүм.

- Эмне дейт?

- Эмне демек эле, мен азгырган жокмун дейт.

- Эмнеси болсо дагы түшүндүрүп келдиңби?

- Түшүндүрдүм, - деп кирип кетти ичкериге. Анын ою дагы деле өткөн өмүрүнүн бир гана бутакчасында, кайрылбай кеткен жаштыгын сагынгандай санаасы сары жалбырактай самсаалап учуп барып эле көктөм жаздай кулпурган курагына барып жатты. Аттиң, кайталанбас жаштыктын бир үзүм бактысын бирөөлөргө каалагандай тартууласа, кээ бирөө эми үзүрүн көргөнү турганда чорт үзүлгөн жиптей эки жакта калаары айдан ачык эмеспи. Эгерде пенде бечара кайталанбас жашоо кадырын төрөлгөндөн баштамак го, бирок ак караны таанып, башынан жаман-жакшы окуялар өткөндө гана өлүм менен тирүүлүктүн айкалыша жүрөөрүн эсине алып арман кылышат да, кээси ошол сезбеген бойдон өтүп кетишет. Кадыржан кемпиринин артынан кирди.

- Бул айылда кимдин кызы экен Батмакан? - деди кирип баратып.

- Кимдин кызы экенин сурап көрүптүрмүнбү?

- Ээ, тааныган бирөөнүн кызыбы деп ойлодум эле.

- Жо-ок, сураштырганым деле жок.

- Катуу айтпай жөн гана айтканың жакшы кемпир, андан эмес балким балаңдын өзүнөн болуп жаткандыр?

- Мен дагы ошону ойлодум, эми аны кайра-кайра эмнеге сурадың, - Батмакан күйөөсүн жактыра бербей карады, - Эмнеси болсо да бирөөнүн кызы, сен экөөбүзгө окшогон адамдын кызы, ары жаш сулуу келин экен.

- Балаң кургур өңүнө азгырылган го?

- Назгүл деле оңой келин эмес, өңдүү-түстүү, ошого башым жетпей калды, кыскасы балаңдын өзүндө болсо керек го? - деп күйөөсүнө карап башын чайкап койду, андан ары Кадыржан дагы үндөгөн жок, Батмакан өз ишине каралаганы менен кайра-кайра Сайкалды эстеп: "Кызы татынакай экен, күйөөдөн чыкканбы, өзү турса кантип көрүнгөндү киргизип алат, же башка турабы, бул жерде жашачу эмес эле сатып алышкан го, дурус эле келин болчудай экен", - деген ойдо болуп жатты. Ошол убакта эшиктен Амангелди кирди.

- Кел айланайын, келе гой.

- Кудагый, сиздерди атамдар чай ичип кетсин деп чакырды эле.

- Иий кокуй, кудаңар келип кеттиби?

- Ооба, бүгүн кетишкен.

- Кел, нан ооз тий, чал экөөбүз барып калабыз садага, - деп Батмакан Амангелдиге нан ооз тийгизди да сыртка узатты, - Ашым ошол жердеби?

- Ооба, жездем биздикинде.

- Ээ мейли, биз барып калабыз, - деп кайра ичке кирди, - Ой Кадыржан, кудалар кешикке чакырыптыр, барып келели.

- Өзүң эле барып келчи.

- Ошо болчу беле, куда эмне деп ойлойт, атайын чакырып жатса.

- Мейли анда, барбасак болбос, кийимимди алып берчи.

- Мына кийимиң, кычырап эле барып кал, - деп култуңдай күлүп кийим-кечесин алып келип берди. Экөө ээрчише Бекматтын үйүнө келгенде аларды өзү тосуп алды:

- Келгиле куда, жакшы жүрөсүңөрбү кудагый?

- Кудайга шүгүр куда, өзүңөр жакшы турасыңарбы, ушул жерде туруп көрүшө албайбыз, көр тирилик деп жүрүп өтөт экенбиз да.

- Ошол да кудагый, Жазгүлдү төркүлөтүп келишкен, көз ачып көргөн кызыбыздын ата-энеси болуп калдыңар, адегенде эле сиздерди чакырып бир чайлашалы деп чакырдык, бизден дагы Назгүлгө жакын эмессиздерби, келин-кыз деп эле бөлөт экен, - деп Бекмат түшүндүрө албай сүйлөгүчө үйгө киришти.

- Келиңиздер кудалар, - деп Насипкан чыга калды. Бака-шака болуп Бекматтын туугандары, келиндери менен карындаштары отурган экен, Жазгүл күйөөсү менен башка бөлмөдө болчу, Кадыржандарды көрүп баары ордуларынан тура калды.

- Келиңиздер куда-кудагый, төргө өтүңүздөр.

- Келдик айланайын, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, келиңиздер кудалар, - дешип ызаат кыла төрдөн орун беришти.

- Кана куда, тамакка караңыздар, - деп бир табакты көтөрүп келип алдына койду Нургелди. Бакылдагандар тиги кургурдан аздап алып коюп Жазгүл менен Алмазга бак-таалай каалап жатышты. Тамак желип бүткөндөн кийин Батмакан Назгүлгө кирди, ал баласы менен бир бөлмөдө жаткан, төрөгөндөн кийин бир аз кыйналып калганга аны кыймылдатпай карап жаткан эле.

- Нази акыбалың кандай балам, кызым чоңоюп жатабы? - деп эңкейип келинин да, небереси экөөнү тең өөп жанына отурду, - Ашым үйгө барып келсин ээ балам?

- Бара берсин, үйгө бар десем өзү болбойт апа, ала кетиңизчи.

- Ботом аны сен өзүң жээрип жүрөт окшойсуң, антпей өзүңө тартсаң боло?

- Жок апа, өзү көңүлүмдү калтырды, болбогон сөздөрүн сиздерге айта бермек белем, ал мени түшүнбөдү, мени тирүүлөй кыйнагандан көрө ажырашканыбыз жакшы эле апа, - Назгүл ыйламсырап токтоду.

- Ортоңордо эмне сөз болгонун билбесек балам, үйгө барсаң анан экөөбүз эне-балача сүйлөшөлү, Ашымды мен айтайын, ошондой эле жашай албай турган болсоңор чогуу чечели ээ балам, азыр кудагыйларга билгизбей эле кой.

- Жок, аларга өзүм деле айтпайм апа.

- Макул сүйлөштүк, эки-үч күндө барып каласыңбы?

- Ооба, эртең кыркын чыгарабыз.

- Анда биз бара берели, сени Ашым келип алып кетет, ал биз менен кете берсин ээ? - деп келини менен небересин дагы өөп өйдө болду.

- Жакшы барыңыздар, - деп Назгүл кала берди, ал Ашымды ата-энесинен тартынып эле бөлмөсүнө киргизип коет, жанына жолотпойт. Бүгүн Ашымды апасы үйгө жүр десе болбой койду, кечке бажасы менен сүйлөшүп, ар жак, бер жакка басып Бекматтын үйүндө жүрүп аялына боору ооруп жатты. Кечинде анын жанына келип болбой эле өөп, кызын колуна алды:

- Кызым чоңоюп бараткан го Нази карасаң, - деп жасакерлене карап жылмайды, - Сага эле окшош болгон го ыя?

- Кимге окшош болсо дагы аман болсо болду, - Назгүл аны карагысы келбей кызын өптү.

- Нази, мени таптакыр көргүң келбей калдыбы?

- Ооба, көргүм келбейт.

- Койчу эми, бир жаңылдым да.

- Сен ошенте бересиң, үйүңө баргандан кийин эле жоголосуң.

- Өлүп кетейин, эми эч жакка барбайм, кечирип койчу эми, - Өпмөк болуп келе жатканда түртүп койду, - Ушунчалык карайдыңбы?

- Ооба.

- Кызыбыз үчүн дагы кечирбейсиңби?

- Жаш баланы ортого албачы.

- Макул-макул, бир жолу кечирчи, жаңылып жаздым Нази.

- Ашым, мен сени канча жолу кечирдим, эгерде мен ошондой ишке барсам сен кечирмек тургай өлтүрмөксүң, бир кездеги балалыгымдан, баелугумдан жаштык кылып катыңды окубаганымды айтып койсом мени ушунчалык кордодуң, мен сени сүйгөндүктөн же сага жалдыраганымдан эмес ата-энең жакшы адамдар, ошолорду өмүр бою сыйлоого акым бар, ошолор үчүн сени кечирип кашыңда турам, - деп ары карап кетти.

- Мени бир дагы сүйбөйт экенсиң да?

- Сенин мамилең жакшы болгондо балким сүйүп калат белем, мага убакыт берген жоксуң, жаш экенимди, турмуш жайын түшүнө элегимди билбедиң.

- Нази, кечир мени, менден кетти, эми бар ашыкча сөз сүйлөсөм эле баса бер, мен сени кыйнаганым үчүн кечир, - деп Ашым башын жерге салып отурду. Аял эмеспи, күйөөсүн аяп кетти, кантсе дагы бир жарым жылдай жашап калбадыбы, бирок сыр билгизбеди, аларды кечки тамакка чакырганда гана чогуу чыгышты.

Ошондон кийин Ашым Назгүлгө кадимкисиндей болуп калды, Арууке күндөн-күнгө чоңоюп баратты, улам кыял-жоругу чыгып талпынган сайын Ашым колунан түшүрбөй көтөрүп жүрө берет, бир үйдүн сүймөнчүгү, Жакшыбек менен Акыш келсе дагы Аруукени көтөрүп өөп эркелетип калышат, Назгүл экинчисин төрөй турган болуп калган, кызы жөрмөлөп анча-мынча кас-кас туруп калган эле. Ашым бир күнү Назгүлгө шашылыш кубанычтуу келди:

- Нази, тезирээк камын, үйлөнүү тойго барабыз.

- Кимдин тою экен?

- Классташым Азамат үйлөнүптүр, тоюна чакырды.

- Ашым, мен ушул кебетем менен барбай эле коеюнчу.

- Эмне болот эле, кайра сүйкүмдүү көрүнөсүң.

- Болбойт, тойдо эл көп болоор, мен кыйналып калам.

- Макул анда, мен барып келейин, Азамат шаарда иштеп жүрчү, ошол жактан алып келиптир, үйлөнүү тоюн Ишендин кафесине өткөрөт экен.

- Барып кел, - деп Назгүл Ашымдын кийим-кечесин алып берди, ал шашыла кийинип кетип жатканда Батмакан.

- Кайда жөнөдүң ой бала? - деди.

- Тойго апа.

- Назини ээрчиткен жоксуңбу?

- Ал бара албайм дейт апа.

- Ошо болчу беле токто, - Батмакан буйрук бере сүйлөдү, - Нази, чыкчы бери.

- Апа, эмне болду?

- Тур, кийинип чыгып Ашым менен тойго барып кел.

- Апа, ушул кебетем менен…

- Эчтеке болбойт, боюнда бар аял эч жакка барбайт бекен, барып эл менен тойго катышып кел балам, тигинин өзүн жалгыз жөнөтпөй бирге бар.

- Ии-ий апа.

- Бол, убактыңды кетирбей балам, биз Арууке болуп үйдө отура беребиз, - деп Батмакан айтканда Назгүл унчукпай кийинип чыкты да Ашымды колтуктай сыртка чыгышты. Алар келгенде тойго келчүлөрдүн баары келип калышкан экен, Азаматтын колуктусу Гүланданын сиңдиси Гүлсана болчу, тойдо Гүланда апасы, атасы менен бир тууган агасы да бар эле. Ашымдар эң артта келгендиктен киргенде эле элден көңүлү бурулду, айрыкча Гүланда аларды көз айрыбай карап калды, Ашым байкаган деле жок, белек-бечкегин берип куттуктап жатып сиңдисинин катарында отурган Гүланданы көрүп кызыктай болуп кетти. Сыр билгизбей көрсөткөн орунга отурушту, ал улам карап Назгүлдү тиктей берди. Тойдун көркү болуп музыканын коштоосунда белектер берилип жатты, тамада башкарып ирээти менен алып барып андан кийин тамакка отурушту, каалоо тилектер айтылып, арак-шараптар каалагандардын чечекейи чеч болуп бака-шака түшүп ырдап да жатышты, бир кезде бий башталып калды, жаштар бийлеп бири-бирин тартып жатты. Ашымды бир аяшы тартып Назгүл экөөнү тең алып чыкты эле.

- Мен кантип бийлем, - Ашым бийлесин, - деп Назгүл ордуна келди, элдин арасында бийлеп жүргөн Гүланда байкап калып билмексен болуп Ашымга келип акырын шыбырады.

- Кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Ойдогудай.

- Тойго келген экенсиң.

- Ооба, менин сиңдимдин тою эмеспи.

- Ошондойбу?

- Эмне, билбейсиңби?

- Жок, Азамат менин классташым да.

- Аа-а, ошондой, - деп көзүн сүзө ары айланып маңдайына келди, - Унутпайм дечү элең? - Жылмая карап койду.

- Сенин башка жигиттериң бар экен да.

- Айта берет, сенчелик эмес да.

- Неге, канааттанбайсыңбы? - деп кулагына шыбырай ары бийлеп кетип бир аздан кийин кайра беттешишти. Аны байкабай Назгүл аяшы менен сүйлөшүп отурган, Саида менен Ашым экөөнүн мамилесин айтып жай отурган кезде тамадасы оюн уюштура турганын жарыялады. Бир жигит бир келин кылып чыгарып алманы байлап коюп көздөрүн байлап кое берип ызы-чуу боло кол чаап оюндун кызыгына батып жатты, Назгүл менен Саида сөзүн токтотуп көңүл бура карап калган, бир кезде Ашым менен Гүланданы чыгарып калды. Назгүл аны тааныбагандыктан эч нерсе оюнда жок күлүп отурду. Акыры оюнда Гүланда жеңип чыгып ошондо келиндин эжеси экенин айтты эле Саида күлүп калды:

- Сиңдисинин тоюнда жеңип башкы байгени алайын деген экен.

- Ошону айтсаң, конок болсо дагы ойногусу келгендир, - деп эки келин шыбырашып тим болушту. Бир кезде элге байкатпай экөө сыртка чыгып кетишти, Назгүл жаман ойлогон деле жок, алар сыртка чыгып:

- Ашым, неге мени унуттуң? - деди караңгы бурчта өбүшүп туруп.

- Үйбүлө деген бошотпойт экен да.

- Ажырашпадыңбы?

- Жок, ата-энемди кантип кыям?

- Ошончолук жакшыбы аялың?

- Ошондой го, атамдар кызындай көрөт.

- Сенчи, сен жакшы көрөсүңбү?

- Айла жок, ай ла бию, - Каткырып жиберди.

- Секин, эл угат.

- Укпайт, - Экөө көпкө өбүшүп кыз-жигиттей туруп анан бөлүнүштү.

- Бирөө жарым көрүп калбасын, - деп боюн ала качты.

- Кой менин аялым дагы байкап калбасын, - деп өбүшө калып Ашым ичкери кирип кетти, андан кийин Гүланда ары жактан кирип ордуна отуруп калды, аларды эч ким деле байкаган жок.

- Кайда кетип калдың, кетеличи кыйналып кеттим, - деди Назгүл жанына Ашым келип отураары менен.

- Кое тур эми, Азамат менен Гүлсанага жолугуп анан кетели.

- Анда мен кете берейинчи.

- Жалгыз чоочуп калбайсыңбы, чыдай тур бир аз.

- Макул, келбей эле койбой, - деп кейип отурганда келген элдин бирин-серин кетип жатканын байкаган Назгүл, - Жүрү Азаматка жолугуп коюп кете берели, - деп Ашымды шаштырып калды.

- Жүрү эмесе, - деп аргасыз ээрчип жөнөдү, Азамат менен Гүлсанага жолугуп коюп үйүнө карай кетип баратканда.

- Ии-ий ичи-им, - деп Назгүл отура калды.

- Эмне болду Нази? - Ашым коркуп кетти.

- Толгоо келип калды окшойт кантем, а-ай, Ашым мени төрөтканага алып барчы! - деп бакырып ичин кармап туруп калды.

- Азыр, азыр баса аласыңбы? - Алдастаган Ашым эмне кылаарын билбей жаңы эле узагандыктан, - Мен машинага барсам сен эмне болосуң? - деди.

- Корком, түшүп барата-ат!

- Азыр, - Ашым коркконунан, - Жарда-ам, жардам бергиле! - деп кыйкырып ийди, ошол убакта тойдон чыгып бараткандар угуп жетип келишти.

- Эмне болду, кандай жардам керек?

- Аялым толготуп калды, төрөтканага жеткириш керек эле.

- Ой жакшылыктын жарчысы дегендей жакшы иш тура, кана алып жөнөйлү, - деди бирөө шашып, Назгүлдү көтөрүп алып машинага салып жөнөп тез эле төрөтканага жетип келишти. Кире бериштен эле бакырган Назгүл төрөп койду, акушеркалар шашып ичкери киргизишти, заматта төрөп алып эс ала түшкөн Назгүл:

- Кызбы же уулбу? - деди акушеркага кайрылып.

- Кимиси керек эле?

- Ким болсо деле мейли дечи.

- Уулдуу болдуңар, үнү баркыраганынан байкабайсыңбы, - деп жылмайып коюп баланы ороп, маңдайына жаткырып коюп өзүн карап жатты, - Эмнеге төрөгөнчө көрүнбөйсүңөр?

- Көрүнгөм эже, учетум бар.

- Аа-а, - деп коюп анан кайра укол сайды, - Кан кетип жатат, азыр муздак коюп коем ичиңе, - деп ары басып кетти, - Тонуң түшкөнчө уктаба макулбу? - деди кайра келип.

- Макул, - Назгүл көзү ачылбаган наристесин карап жылмая улутунуп алды: "Эми Ашым ыраазы болоор бекен, кыз экен деп шылтоо кылып Аруукени бир жумага чейин көргөн жок эле", - деп ойлонуп жатканда кобур-собур угулуп кайненесинин үнү угулду, Ашым экөө келген эле.

- Айланайын, менин келиним төрөдүбү? - деп сурады адегенде эле.

- Келиниңиз ким эле?

- Ботом жаңы келген келин төрөдүбү?

- Ооба-ооба, уул төрөдү.

- Оозуңа май садага, өзү кандай, жакшы элеби?

- Жакшы эле, - деп акушерка кемпирди бир карап койду, анын жанында Ашым турган.

- Эже, көрсөк болобу? - деди.

- Азыр, бир аздан кийин, күтө тургула.

- Макул кызым, аман-эсен көз жарып алса эле болду, - деп отуруп калганда оролгон наристени көтөрүп келди, - Мээнетиңди алайын чүрпөм десе, - Батмакан ымыркайды болбурап жаңы гана жарыктыкка келгенге мемиреп уктап жатканына кубана өөп койду, - Мына айланайын, неберемдин көрүндүгү, - деп эки жүз сом карматты акушеркага.

- Мага берчи апа, - Ашым апасынын колунан баланы ала койду, - Аруукенин эле өзү го?

- Бир тууган болсо окшош болот да, - Батмакан уулун карап, мулуңдап койду, - Арам десе аман болсун.

- Болду эне, көпкө кармаганга болбойт, кыргызчылык кылабыз да болбосо минтип киргизбеш керек эле, - деп баланы алып палатага кирип кетти. Ашымдын кубанганы ушунчалык, Назгүлгө кирип өөп куттуктагысы, ыраазылыгын айткысы келип турду. Акушеркадан болбой жатып суранып ал-абалын көрүп анан кетмек болушту эле ал.

- Эртең келиңиздер, - деп болбой койду, ал ошол убакта врачты чакырып жаткан эле, анткени кан токтобой корко баштаган. Көрсө тону толук түшпөй калыптыр, врач келип өзү көрүп каны токтогондон кийин гана палатага которушту, кан көп кеткенге Назгүл ордунан тура албай укол-дарыларды күчтөп алгандан кийин гана бир аз жакшы болуп үйүнө чыгып келди. Кадыржан небересине Акберди деп ат койду. Бекмат менен Насипкан келип көрүп кетишти. Турмуштун аздыр-көптүр адамга тартуулаган белеги да, тарткылык азап тозогу да алланын буйругу делинет эмеспи, Назгүл чыдамдуулугунан өз турмушун, үйбүлөсүн сактап калды. Бирок Ашымга бир күнү Гүланда дагы телефон чалды, жанында эч ким жок эле, өчүрүп коюп сыртка чыкты дагы сарайдын артына барып өзү чалды, дароо ала койгон Гүланда:

- Ашым, эмнеге жооп бербейсиң? - деди чыдамсыздык менен.

- Гүланда, эми чалбачы, менин үйбүлөмдү ажыраткың келип жатабы? - Ашым ачуулуу сүйлөдү.

- Ашым, мен сени сагындым.

- Койчу Гүланда, мени эми унутуп эле койчу.

- Кантип, кантип унутам Ашым, сен мени сүйөм дебедиң беле?

- Сүйүү? Кайдагы сүйүүнү айтасың, баягы эркегиң менден ашыкча сүйөөрүн айтпады беле, ошону көрүп туруп кайдагы сүйүү болот бизде.

- Ашым, менин сага айтаар жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык?

- Мен шаарга кетип жатам.

- Качан?

- Эки күндөн кийин кетем.

- Жакшы бар.

- Коштошууга келээрсиң?

- Бара албайм Гүланда.

- Жок дегенде акыркы жолу, ушул бойдон шаарда болом.

- Аман бол.

- Суранам бир келип кет, - деди да өчүрүп койду, Ашымдын көңүлү бурулуп турду, бирок агалары билип калабы деп коркуп эртеси күндүз эки жагын элеңдей Гүланданын үйүнө келди, эшигин такылдатты эле апасы ачты.

- Ким керек балам?

- Гүланда жок беле?

- Аа-а, ал азыр келет, кандай жумушуң бар, айтып коеюн.

- Өзүнө жолугам, кечирип коюңуз, - деди да артына кайрылып кетти, Гүланда аны короонун ичиндеги времянкасынан көрө калып апасы кирип кетээри менен чакырып алды.

- Келем деген жок элең го?

- Коштошуп коеюн дедим.

- Рахмат, - Гүланда дароо эле Ашымдын көйнөгүнүн бүчүсүн чечип төшүнөн, моюндан өөп кирди, - Сагындым сени Ашым.

- Сагынганда алдап чакырдыңбы?

- Жок-жок, кетээрим чын.

- Анда жакшы бар, мен кайра эле кетишим керек, үйбүлөмдүн алдында ак болоюн, мени кечир, сени менен боло албайм, - деп келинди өзүнөн оолактата түрттү.

- Сен менден оңой эле алыстагың келеби, мен сени сүйөм Ашым, мен сени жанымдан да артык сүйөм, сен мени таштабачы жаным, таштабачы мени! - Гүланда ыйлап да Ашымды чечинтип дагы жатты, - Айтчы, таштабайсыңбы мени?

- Гүланда, жинди болбочу, менин үйбүлөм барын билесиң го?

- Мейли, өзүң айтпадың беле, экинчи кылып алам деп, сен эмне десең мен баарына даярмын Ашым, кыскасы мени таштабасаң болду, мейли бир айда, эки айда бир келип турсаң болду, мен сени көрбөй чыдай албай баратам, сени көрбөсөм жинди болуп кетчүдөймүн Ашым.

- Кой, минтип мени кармай албайсың, - дегени менен Гүландынын эркинен чыга албады, заматта эски чаң баскан төшөктүн үстүндө ооналактап жатышты, - Эсиңе кел Гүланда, биздин жашообуз, тагдырыбыз эки бөлөк.

- Жок-жок, андай дебечи жаным.

- Ошондой экенин моюнга алуубуз керек.

- Ашым, мен сени эми кое бербейм.

- Баягың кана?

- Аны мен билбейм, сени көрүп эле сүйлөдү, ошого таарындыңбы?

- Өлтүрүп кое жаздады го?

- Мен аны ошондо кууп жибергем.

- Ишенүү кыйын.

- Чын айтам, кубалап жибергемин.

- Мейли, айтканыңа ишенем.

- Мага келип турасыңбы Ашым? - Жанталаша өпкүлөп эркегинен куру калбай кыймылдап сүйлөй берди.

- Жок, мындан ары келбейм, сенин шаарга кеткениң дурус.

- Кетпейм, сенсиз кантем?

- Тамашаңды койчу, болдуңбу деги, апаң көрүп калса эмне болот?

- Көрбөйт.

- Сен мени эмес эркектин ушунусун сагынат окшойсуң? - Ашым мылжыя күлүп калды.

- Кандай ойлосоң өзүң бил, - Гүланда чалкасынан жатып калды.

- Гүланда.

- Ийи.

- Күйөөгө тийип албайсыңбы?

- Кимге?

- Кимге болсо да, өзүң жашсың, кантип чыкпасын?

- Мага жакканы үйбүлөлүү, мени жактырганы мага жакпайт.

- Кантип эле бири жакпасын?

- Жакпай турган адам менен кантип жашамак элем?

- Ушинтип жүргөнчө.

- Кантип? - Гүланда туруп кийинип жатып күлүп койду, күлкүсү кыжырлуу да ызалуу да болчу, - Мазактаганыңбы?

- Деги айтам да.

- Мен сени акыры өзүмө каратып алам.

- Колуңдан келеби?

- Келет.

- Койсоңчу, дагы бир балээ жасатып оорутуп койбо.

- Же мага же аялыңа жок кылам!

- Эмне? - Ашым чоочулай карады, - Эй байкап сүйлө.

- Ошо, болбосо мага үйлөнөсүң.

- Жомокту айтпачы, эки балалуу болуп калдым, мени кыйнаба.

- Али көрөсүң.

- Көрөбүз анда, - деп кийимин кийип, чаңын сүртүп босогого жетти, Гүланда жолун тосту.

- Колумдан келбесин билесиң да, бирок мени сүйөөрүңдү билем.

- Башты оорутпачы, - Ашым келинди түртүп коюп сыртка чыгып кетти, Гүланда мостое турган жеринде катып калды. Ал эми Батмаканды эстеди, атайын жасаган ишин аягына чыгаргысы келип жатты: "Мен сенин келиниң болуп барам шашпа, ошондо эмне кылаар экенсиңер, беш балалуу болсо дагы ажыратам, мен өз бактымды өзүм ойлошум керек", - деп ойлонуп сыр билгизбей времянкадан чыгып үйүнө кирип кетти. Бул үйдүн времянкасында бирөө жашаган, ошол бойдон аны карап же жыйнаган эмес, кээде келген эркектер менен ушул жакка кире койчу.

Бекмат эки кызы күйөөгө тийгенден кийин уулдарына кам көрө баштады, Нургелди онунчуда окугандан баштап Насипкан соодага киришмек болду, кеңешип туруп уй сатып алып шаарга жөнөдү. Көпчүлүк эле аялдардай бала-чакасын багуу, алардын келечеги үчүн кам көрүү болду, бирок шаарга келгенде аны жыргаган турмуш күтүп турган жок, бир батирди жеке жалдагандан ооруксунуп үч аял менен чогуу жашап калды. Мира, Күмүшай, Алтындар ага адегенде жакшы мамиле жасап бирге тамак даярдашып ичип ынтымактуу эле, Мира абдан шыпылдаган жана бакыбат көрүнөт, Насипкандан беш-алты жаш кичүүлүк кылат. Төртөө чогуу тамактанып отурганда ал:

- Бүгүн Оштон товарым келет, - деп калды.

- Өзүң биерде жүрөсүң ким алып келет? - Насипкан аны оозун ача карады, сооданын көзүн билбеген немеге кызык эле.

- Биз үчөөбүз иштейбиз, ортодо беш жүз миң сом бар, мен бул жактан тосуп алып кайра товар жөнөтүп турам, - деди Мира Насипканды атайын эле азгырмак болуп.

- Иштеше турган бир тааныш чыкса мен дагы оптом алып иштейт элем, - деди Насипкан анын сөзүнө кызыга.

- Табылат, акчаң болсо иштесең болот, акча-акчаны табат да.

- Ооба-ооба, бирок ишеничтүү адам болуш керек да.

- Мына кашыңда сооданын атасын тааныган мен отурбайынбы, сага кандай товар алышты көрсөтүп коем, - деп мыйыгынан күлдү, Насипкан ага аарыдай эле жармашып калды, бирок аны Мира токтотту, ошондо да анын көз карашын байкабай.

- Мира, менде азыр отуз миң сом бар, бирок ал аздык кылат экен, эмне иш кылаарымды билбей башым катып жатат, баары кымбат, орун алыш эле кыйын экен, орун сатып алсам товарга акчам жетпей калып жатат, ошондуктан мындай эле оптом иштесем деп ойлогом.

- Иштин жайын, көзүн билбей тобокелге салсаң өкүнүп каласың, терең ойлонуп иш кыл курбум, кааласаң Ошко өзүм алып барып келем, экөөбүз иштейбиз, ар бир эле рейсте колуңа бирден-бир пайда түшөт, ошондо мага рахмат айтасың, - деп күлүп койду, чынында ал өзү иш таппай күнүмдүк оокатын таап жашап жүргөн эле, ал турсун акчасы бар эркектер менен көңүл ачып кийинип-ичинип өз ишин жакшы билген аял эле. Элүүнү аркалап калган кезде Насипкан соода жасамак болуп шаарга келип эмнеден баштаарын билбей убакыт өтүп жаткан, Миранын айтканы ага майдай эле жакты, анын оюнда бир эле жолкусунда отуз миңине отуз миң тапса жаманбы, демек убакытты текке кетирбегенге тырышты. Арадан эки күн өткөндө шашылыш келген Мира:

- Насипкан, мына сенин акчаны уучтай турган кезиң келди, менин иштешкен шеригим келди, мейманканада, ошону менен өзүң сүйлөш, ал эки күндөн кийин кайра Алма-Атага кетет, кана тааныштырайынбы? - деди.

- Ма-акул, ал биякка келеби?

- Ой жо-ок, ал мындай батирге балээни келеби, мен айылдагы бала-чакама жөнөтүп кымбат жерге түнөгүм келбейт, кааласаң мейманканага баралы, ага сени айттым.

- Макул баралы.

- Акчаңды алып ал, эртең ал товар алса экөөлөп жөнөтөбүз дагы келгенде тосуп алабыз, кеттикпи?

- Кеттик, - деп Насипкан Мираны ээрчий кечке маал батирден чыкты, берки экөө үндөгөн жок, алар жай соода жасап, үйлөрүнө акча салып тытынып иштеген аялдар эле, булардын сөзүнө кулак да салбады. Эрте кетип кеч келип жатып алышкан. Бирок Мираны алар Насипкандан бир жума мурун эле киргизип алышкан. Анткени батир акысы оор болуп калат деп сарамжалдуулук кылууну чечишкен эле. Насипканды тар көчөлөр менен келип эки кабат салынган менчик мейманканага алып келди.

- Кир-кире бер, он экинчи бөлмө, - Мира атайын дайындап сүйлөшүп койгон бөлмөгө киргизди, аларды кашы-көзү боелгон, модалуу кийимчен, бийик така туфли кийген, өмүр бою кара жумуш жасап көрбөгөн колдору жалтылдай лакталган узун тырмактуу келин тосуп алды, ал Мирадан бир топ жаш эле.

- Келиңиздер!

- Келдик, көпкө күттүргөн жокпузбу? - Мира эзелки таанышындай ага карап жылмайды.

- Биздин ишибиз ушундай эмеспи, күткөндө эч нерсе болбойт, башкысы ишибиздин ийгилиги үзүрүн берсе болду, менин атым Аня, - деп Насипканга карай жылмая колун сунду.

- Насипкан, - Ал ага ыңгайсыздана карады, канчалык жаш болсо да кийингенине караганда бир кызматчынын аялындай эле көрүндү ага.

- Насиптеш болот экенбиз буйруса, орундукка отуруңуз.

- Рахмат, - Дивандын четине отуруп калды Насипкан.

- Эч нерсе эмес, - Аня Мирага кайрылды, - Бүгүнкү жолугушуу, түшкөн киреше үчүн бир отметка кылып койбойлубу?

- Сөзсүз да, заказ берейинби?

- Ооба, анча-мынчаны өзүм даярдап койгомун, - деп башын бура Мирага белги берди. Ал ары жактан вино менен тамак-ашты алып чыгып чакан үстөл үстүнө коюп стакандарды алып келди. Үчөөнө куюп бирин Насипканга сунду эле ал:

- Мен ишчү эмес элем, - деди, Мира менен Аня бири-бирин карап туруп анан сыр билгизбей Мира ага күлүмсүрөй кайрылды.

- Насипкан, мейли ичпесең ичпе, жок дегенде ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн, мындан ары бизнесибиздин өнүгүп отуруп чоң-чоң иштерди жасоого жетишине бир жолу алып кой эми, күндө эле ичип жаттык беле?

- Ошентсе да ичпегенден кийин…

- Ошол кантип болсун, айтышыңа караганда кыз берип неберелүү болупсуң, балдарды тарбиялап өстүрүп коюпсуң, анда-мында ичип койсоң боло берет, кел эми ийгилик үчүн, таанышканыбыз үчүн ичип коелу.

- Ооба эже, бир жолу көңүл аласыз, бир жолу алкоо аласыз, эч нерсе болбойт, биз менен алып коюңуз, - деди Аня дагы.

- Мейли эми, бирди алса алып коеюн, - деп стаканды кармаганда тигил экөө ага байкатпай көз кысып койду бири-бирине, - Ишибиздин ийгилиги үчүн алып коелу.

- Рахмат сизге, сунулган кол сумсайса, адамдын жүрөгү муздайт деген, көңүлүбүзгө караганыңызга рахмат, - Аня алып ийгенде Мира дагы алды. Үчөө көпкө чейин отурушту, заказ берген тамагы да келди, Насипкан экинчисин дагы албайм деп тартынды, бирок тигилер ага болгон жок эң акыркысына байкатпай уйкунун дарысын сала койду Мира, анткени таптакыр ичпегенин айтып тартынып да, сактанып да жатканын сезишти. Мира менен Аня көптөн бери тааныш, бирок көп жолугушпайт, Анянын аты Анаркан, тоолуу райондордун биринен келген, ал көбүнчө кызматкерлер менен көңүл ачып үйлүү-жайлуу. Экөө жолугуп калып Мира ага айтты эле ал дароо макул болуп бул мейманкананы жалдаган болчу. Насипканга акырын винону ичирмек болушту, бирок ал такыр болбоду.

- Башым айланып калды, мен силердин көңүлүңөр үчүн гана ичтим.

- Рахмат Насипкан, бирок бизди сыйлаганыңа ыраазыбыз, ушундан башка жок, бир куюмдан баарыбыз эчтеке болбойбуз го, кел эми алып ийели.

- Келиңиз алып коюп эс алалы, биерге эле жатып алгыла, - деди Аня Мирага көзүн кыса, Насипкан кыңырыла алып ийди да отуруп калды, андан кийин үчөө үч керебетке жатып калышты, Насипкан дароо эле уктады, Мира менен Аня анын уктаганын сезди да дароо такси кармап келип Насипканды салып жөнөдү.

- Ой бул биздин курбубуз, азыраак ичкенге кызып калды, жеткирип коелу, - деп Таксистти карады.

- Туура кылгансыңар, - Таксист күлүп коюп жолун улады.

- Ушул жерге токтотуп коюңуз.

- Жетип калдыкпы?

- Ооба, жакын эле жер, кызуу болгондуктан эле, - дешти да Насипканды шылкылдата көтөрүп түшүп таксисти токтотуп коюшту. Караңгы жерге жетип жаткыра салышты да төшүндөгү бекем катылган акчаны шашыла алып жолго түшүштү. Ошентип аялды аял тоноду, Насипкан отуз миң дегени менен он миңин жашырып койгон эле, кызынан келген акчадан дагы катып жүргөн болчу, экөө акчаны бөлүп алышты да издерин суутушту. Таңга маал үшүп калган Насипкан чоочуп ордунан ойгонду, как-таштак жер бүткөн боюн оорутуп зорго турду. Башы ооруп эки жагын караса чоочун жер, бир нерсени эстей коюп төшүн карай коюп бакырып алды.

- Оо кудай акчам?! - Кайра отура калды, - Эми эмне кылам, кураган жаным! - Буркурап эмне кылаарын билбей отурганда айлана жарык болуп, элдер шашыла базарга жөнөп жатышкан. Ыйлап отурган аялга бирөө дагы көңүл буруп койгон жок, акыры чөнтөгүндөгү калган майда акчасы менен унаага түштү да жашаган жерине келди, эч ким жок, батир кулпулануу туруптур. Анан эсине келип: "Мен акчаны берген эмесмин, алар мени атайын тоногусу келген экен", - деп мейманкананы издеп жөнөдү, бирок кайсы көчөдө экенин, кандай мейманкана экени эсинде жок, издеп көчө кыдырып жүрүп сүйүнүп кетти, көргөн көзүнө ишенбеди. "Эми милиция алып келемин, акчамды таптырып алам", - деп мейманканага кирип барып экинчи кабатына чыгып он экинчи бөлмөгө келгенде жүрөгү лакылдап туруп калды. Эшигин тартса бекем экен, кайра чыгып мейманкана ээсин таап:

- Бул жерде Аня деген келин бар эле, кетип калдыбы? - деди.

- Ким дейсиз?

- Аня деген, ал биякка келгенде дайым ушул мейманканага түнөйм деди эле, - деп мейманкана ээсин үмүттүү карады.

- Андай неме келген эмес, Аня дегенди билбейт экенмин, анын ата-жөнүн билесизби, книгадан карап көрөйүн.

- Жок, билбейт экенмин, Аня деп өзүн тааныштырган, Ошко, Алма-Атага соода жасап, Бишкекке келгенде ушул мейманканада түнөйм деген эле.

- Аты-жөнү керек эже.

- Он экинчи бөлмөгө түнөгөн келиндин атын карап көрчү сиңдим.

- Макул, - Мейманкана ээси аны өз кабинетине алып кирди да китепчесин карап көрүп, - Кечээ күнү Асанбекова Анаркан деген түнөптүр, ал эртең менен ключту берип кеткен, бүгүн келбейт го? - деди.

- Оо курган башым, мени алдашкан тура! - деп отура калды, эмне кылаар айласын таппай ыйлаган бойдон жолго чыгып жашаган жерине келди, эч ким жок, кечке ачка күтүп отуруп алар келгенде тура калды.

- Сен келип калдыңбы, Ошко кетти го дедик эле, - деп Алтын аны көрүп эле жылмая эшигин ачты, - Иштеше турган болдуңарбы?

- Сүйлөшкөндөн кийин иштешет да, - деди Күмүшай бей капар.

- Мени алдап кетишти, - деди Насипкан жер карай.

- Кантип билдиң? - Экөө тең жарыша суроо узатып аңкая туруп калышканда Насипкан баарын айтып берди.

- Эми эмне кыласың?

- Билбейм, бир аз акчам калды, күйөөм менен балдарыма эмне дейм билбейм, - Үшкүрүнө көз жашын аарчый отуруп калды.

- Аял аялды алдаганын кара.

- Ой керек болсо өлтүрүп жатпайбы, биздин айылдан бир келинди тааныш аял алып барып эле бир жумадан кийин өлүгү келбедиби, акчасын алмакка терезеден ыргытып ийиптир.

- Ырас эле, деги өзүңө-өзүң ишенбей турган кез…

Насипкан алардын кебинин андан аркысын уккан да жок, үйүндөгүлөрдү ойлоп, жалгыз уюн сатып келгенине жини келди: "Акылы жок жаным үйдө эле жүрө бербейт белем, мени бирөө кыйнадыбы, соода кылгым келсе үйдүн жанына дүкөн курдуруп коюп товар алып кетсем болбойт беле, кыздарымдын жүзүн кантип карайм, жоготсом бир жөн, көз көрүнө алданып тонолгонумду кантип айтам, Бекмат мени эмне дейт, өлгөндөн бери кылат го, кайсыл бетим менен айылга бармак элем", - деп сары санаа болуп жатты. Бирок үмүт деген кыйын эмеспи, Мира кирип келеби деп эки көзү босогодон өтө берди, бирок андан дайын болбоду, түнү бою бир ыйлап, бир сооронуп: "Айылга эле кетип калганым дурус болоор, чыккан чыгаша дейт эмеспи", - деп ойлогону менен бир ою аны азгырып: "Кантип барасың айылга, коңшу-колоң дагы сени шаарга иштеп келгени бир уюн сатып кетти деп угушту, аларга эмне дейсиң, андан көрө иште, соода кылып акча таап бар", - деп туруп алды. Ошентип карайлап эртеси базарга чыкты: "Келгениме бир жума болду, бир иш кылсам деле болбойт беле, башым жок келесоомун, эми кандай иш кылам", - деп басып жүрүп элдер үйүлгөн жерге токтоду. Эмне экенине деле түшүнгөн жок, карап турса бирөө басып келди:

- Квартира бербейсизби?

- Ыя, эмне дедиң? - Анын чоочуганын көрүп ары басып кетти.

- Жумуш барбы? - деп дагы бирөө келди.

- Жок-жок, - деп ары басып кетти, ошондо оюна: "Иш издегендер, квартира издегендер келет тура, кой мен дагы иш издейин, бир айдан кийин төлөбөсөм батирге дагы киргизишпейт, эптеп иштейин", - деген ойдо үйүлгөн элдин арасына кирип ар жерде топтошо калгандарга жакындай калып тыңшап жатты, бир кезде бир аялдын:

- Пияз аарчыганга керек, - дегени кулагына шак дей түштү, жаштар ага көңүлсүнбөдү окшойт тарап кетишти, Насипкан ал аялга жакын келип:

- Мен жумуш издеп жүрдүм эле, иш барбы? - деди.

- Бар, мантыга пияз аарчыганга барасызбы?

- Канча төлөйсүңөр?

- Бир күнгө жүз элүү сом.

- Канча пияз аарчыш керек?

- Күнүнө эки-үч мүшөк аарчылат, манты менен самсы чыгарабыз.

- Жатакана кандай болот?

- Жалгыз болсоң ашканага жатып алсаң болот, кышында болбойт.

- Мейли, мен иштейм, - деп Насипкан кубанып кетти, - Төшөнчүмдү алып келип алышым керекпи сиңдим?

- Көп болсо болбойт.

- Кайдан эки төшөгүм бар, - деп ээрчип жөнөдү, ашкананы көрүп, иштей турган жерин көрүп эс ала түштү, ошол эле күнү ишти баштады, бирок бир айга батир акысын төлөп койгондуктан барып келип иштеп көңүлү тына түштү, бирок кээде беш мүшөккө чейин аарчып, туурап берет, Шайлоо анын иштегенине ыраазы болуп эки жүзгө көбөйттү, анткени башкалар такыр чыдай албай тез-тез кете берчү, жакшы иштеген жумушчусун кетиргиси келбеди окшойт, тамагын эки маал берет. Насипкан дагы иш издеп убара болгусу келбей колу бошой калса жардамдашып ийет, ого бетер аны өз бир тууганындай карап ишенип калды. Ошентип жарым жылдын кантип өтүп кеткенин сезбей дагы калды. Кычыраган кыш келгенде акчасын колтугуна тигип алган санап көрсө жыйырма беш миң болуптур, ал акчасынан бир тыйын короткон эмес, карды ток, жолго чыкпайт, өзү ала келген эки сыйра кийимин алмаштырып кийип иштей берди, бирок колу абдан жаман болуп кетти, көздөрүнөн жаш чыгып түндөсү уктаганда гана эс алат. Кийин эки жүздөн кылганда айына алты миң болуп калды, өзүнүн тажап, кыйналганына карабай жүрө берди, чынында оор болду. Күнүнө зерикпей төрт мүшөк же беш мүшөктү өзү жалгыз аарчыйт. Көңүлү калган неме эч ким менен сүйлөшпөйт дагы.

- Эже, балдарыңыз барбы? - деди бир күнү Шайлоо.

- Бар.

- Айылдабы, күйөөңүзчү?

- Күйөөм деле бар.

- Иий, мен сизди бир байкеме алып берейин деп жатпадым беле, жакшы аял экен деп, - Шайлоо күлүп калды.

- Ошо балдарыма жөнөтүп жатам да, - деп койду Насипкан андан күмөнсүй, анткени акчаны ай сайын толук алып жаткан болчу.

- Жакшы экен, аз болгондо сизди сатып иймек элем, - деп Шайлоо каткырып күлүп калды.

- Кайдан сиңдим, ошо балдарымды багам деп ушинтип жүрөм да, эки кызым күйөөдө, кабарымды билип урушуп жатышат, эмнеге шаарга кетесиз, үйдө эле жүрбөйсүзбү деп, - Насипкан саал муңая сүйлөдү.

- Келгениңизге канча болду?

- Сага келгенде келгемин.

- Сагындыңызбы балдарыңызды?

- Айтпа.

- Эмесе иштей бериңиз эже, сизди өзүмдүн эжемдей көрүп калдым, - деп Шайлоо акырын өз ишине өттү, үйбүлөсү жөнүндө кеп болгонго Насипкан токтоно албай пияз аарчып жатып дили ыйлап жатты, жан дүйнөсүн боштук ээлеп алып, ээн жердеги жалгыз калган адамдай балдарын эңсеп, бир топ жыл жашап уул-кыз көргөн күйөөсүн эстеп сыздап отурду. Сыртта аппак кар, сөөк какшаткан суук, айланасында муз каптаган ээндик каптап ачуу из менен кошо ыйлай берди. Келгенине сегиз айдын жүзү болгон эле: "Жакында жаз келет, жазда жаркырап тийген күн менен кошо адамдын жан дүйнөсүнө жылуулук кирет, көктөм көйкөлгөн кезде куштар сайрап айлана көрккө бөлөнөт, ошол көктөм жазда мен айылга барам", - деп дилинди санап жатты. Төрт ай калыптыр", - деп эс ала түштү, ошондо келгенине он ай болот экен. Көздөрү шишип кечке маал жумуштан чыгып батирине кетип жатып: "Ушул жашымда мага шаарга ким коюптур, кудайга шүгүр, жоготконумду таптым, алгандарга аш болсун, мага эмгекти үйрөттү, намыстын күчү менен сооротту, болбосо жоготтум деп барсам эмне болот эле, абысындарым күлөт эле го, кудай айланайын, ушу Шайлоону жолуктуруп койгон", - деп өзүнчө тобо кылып алды. Батирине келсе Алтын менен Күмүшай жатып алышкан экен. Эркинай деген кызды кошуп алышкан, ал ойгоо жатыптыр.

- Эже келдиңизби? - деди ал баш көтөрө.

- Ооба, уктай элексиңби?

- Жок, уйкум келбейт, ишиңиз кандай?

- Дурус, эптеп карын тойгузмай.

- Мен дагы тажап кеттим, реализатор болуп иштеп жаткам, акчамды бербейт, ага мен бекер иштей бермек белем, урушуп баса бердим.

- Бекер кылыпсың, акчаны алгандан кийин кетпейт белең?

- Чыдабай кеттим, сиз иштеген жерде жумуш жокпу эже?

- Анысын билбейм, мен өз ишимди гана билем.

- Эртең жумуш издеш керек, атамдардан акча сурагандан уялып жатам, кийимим дагы жука, окубасам кантип сурамак элем, - деп өзүнчө ич күптүсү күчөп сүйлөп жатты.

- Уялганды кой, өжөрлүк менен иш кыл, адам дилиндегини жасайм десе жасайт, аракетиң күчтүү болсун, башкадан эмес өзүңдөн өзүң уялсаң ошондо бир нерсеге жетесиң, - Насипкан Эркинайга жылмая карап алып ордуна орун салып жатып калды, - Кечке чарчайсың, таң эрте жумуш, керээлден кечке көздү ачыштырып тынымсыз пияз аарчыйм.

- Канча төлөйт эже?

- Эптеп батириме, күнүмдүк тамагыма жетет.

- Ай-ий, кантип иштеп жатасыз анан?

- Иш издеп кайда барам, менин жашымда жыргаган жумуш чыга коймок беле, дароо эле жаштарды алабыз дешет экен, андан көрө официант болсоң акчаны жакшы тапмаксың.

- Эже, мен орус тилин билбейм, ошондуктан көп иштен калып жатпайынбы?

- Ошонуң жаман экен, - Насипкан унчукпай калды.

- Ооба да, тил билбесең өзүң эле корунуп турат экенсиң да, сиздин балдырыңыз айылдабы? - Насипкан үндөгөн жок, - Уктап калдыңызбы? - деди да унчукпай жатып калды. Ошентип өлбөгөнгө жаз дагы келди, Бекмат эки кызын чакырып алды:

- Бу апаңар иштейм деп кеткенине жыл айланып баратат, дайын жок, кандай кылып табабыз? - деди суроолуу тигиле.

- Бишкекке барам деди беле?

- Ким билет?

- Эми эмне кылабыз?

- Көргөн билгенден сураштырсаңар боло, ошол акча менен бирөө өлтүрүп кетсе эмне болот?

- Мен барып издеп келейинби? - Жазгүл атасын карады.

- Дареги жок адамды кайдан издейсиң кызым?

- Менин телефонумду билет, неге чалып койбойт? - Назгүл ойлуу карады.

- Ошо телефон чалганды билеби?

- Билет эле, мага кээде чалып калчу.

- Анда күтө тургула, жоготуп ийбесе чалаар, - деп кабатыр болуп отурушканда айткандай эле Назгүлдүн телефону чырылдап калды. Насипкан Алтындын телефону менен чалып жаткан.

- Ало, бул ким экен? - деди Назгүл чоочун телефондун номерин бир сыйра карап алып.

- Назгүл сенсиңби? - деген Насипкандын үнү угулганда Назгүл кубана кыйкырып жиберди.

- Апа сенсиңби? - Баары кулак түрүп калышты.

- Ооба кызым, балдарың чоңоюп жатабы, үйдөн кабар алып жатасыңбы?

- Апа, биз сени сагындык, эмнеге дайының билинбей кетти? - Назгүл ыйламсырап ийди, - Биз үйдөбүз.

- Берчи, апам менен мен сүйлөшөйүн, - деп Жазгүл телефонду талашып калды:

- Кое турчу, апа качан келесиң?

- Эки айдан кийин барам, күн жылысын.

- Эртерээк эле келе берчи апа, иштебей эле койчу.

- Жо-ок кызым, мен жакшы жүрөм, Амангелдини, Эсенгелди менен Нургелдини өөп койгула, атаңа салам айт, буйруса барып калам, неберелеримди өөп, Жазгүл менен күйөө балдарыма салам айт макулбу?

- Айтам, апа ишиңди койчу, баса берчи, өлбөстөй оокатыңар бар го?

- Артык дөөлөт баш жарбайт балам.

- Баары бир, ошо жашыңда үйдөн алыстап кеткениң болбойт, эртерээк кел апа, биз сени күтүп жатабыз.

- Жакшы тургула кызым, амандыгыңарды билдим, жакшы тургула, - деди да өчүрүп салды.

- Эмне дейт, деги эсен-соо бекен? - Бекмат кызын карады.

- Жакшы эле экен, салам айтты ата, - деп Назгүл үч инисин, сиңдисин кучактап өөп койду, - Апамдын салам дубасы, - Кабагы ачылып жайдарылана түшүштү, - Эки айдан кийин келем деди.

- Эмнеге, азыр келе албайт бекен?

- Билбейм, анысын айткан жок.

- Мейли, бир кабарын уктук, кудайга шүгүр, - деп койду Бекмат.

- Апам крутая болуп келет го ээ ата? - Нургелди атасын күлө карады.

- Ээ өзү эле элге кеп болбой аман келсе болду, бир жыл болуп баратат.

- Ошо да, апам өзү аман келсе болду, - деди Жазгүл дагы.

- Апам мага велосипед алып келип берем деген, - Амангелди эдирейе карады эжесин.

- Велосипедди эмне кыласың, бир жылдан бери коркуп жүрсө.

- Эмнеге дайынын айтпай жатты экен? - дешип кыздары бири-бирин карашып отуруп калды, канткен менен көңүлдөрү жайланып калды. Бекмат жакында эле бир келин менен таанышып көңүлдөш болуп алган, кабагын салып ойго түштү: "Ал келгенче мен Зиягүл менен мамилемди үзүшүм керек, кокус билип калса жаман кылат, туугандарым биле электе эсимди жыяйын", - деген ойдо болду. Бирок Зиягүлдүн ага деген жаңылыгы бар эле, ошол күнү аны күтүп тамагын даярдап алып жол карай берди, үч балалуу аял, улуусу онго чыгып калган, болуп толуп турган келин. Күүгүм кирип балдары уйкуга кирген кезде Бекмат үйүнөн чыкты, Зиягүл алдынан тосо:

- Эмнеге кечиктиң, келбей калабы деп кыжаалат болгонумду айтпа, - Таарына кучактап өөп калды.

- Зияш, мен эми сенден кетүүм керек, бири-бирибизге көнө электе, Насипкан эки айда келип калам деп сүйлөштү.

- Эмне, келсе келет да, менин сага айтаар жаңылыгым бар, - деп колтуктай ичкери кирди.

- Кандай жаңылык экен?

- Менин боюмда бар!

- Эмнеге, төрөбөй эле кой.

- Кантип, алдырып кой дегиң барбы? - Көзүн алайта карады.

- Анан төрөмөк белең, кудайга шүгүр балдарың бар, менин жыйырма беш жылдык никем бар, кыз-күйөө дегендей…

- Төрөйм! - деди Зиягүл эрегишкендей.

- Анда төрөй бер, мен эчтеке билбейм, кош анда мен кеттим! - деп сыртка карай кадам таштады.

- Бекмат, аялың келсе өзүм барып айтам!

- Жинди болбо Зияш.

- Жинди кылган сен, ушунчадан бери келип-кетип жүрүп мазактап кете албайсың, мен бул баланы төрөйм.

- Долуланба, башында андай сөз болгон эмес.

- Болбосо болтурабыз, кете бер, мен сенин балаңды көтөрүп жүргөнүмдү билип ал, кийин укпадым дебе.

- Болду Зияш, ушуну менен мамилебиз бүттү! - Бекмат Зиягүлдүн алкылдаганына карабай чыгып кетти: "Энеңдурайын десе, жолоп койсоң болду, эптеп кармап алганга жармашышат, аялдар деги эмне болуп баратат өзү ошондо дагы азгырып туруп алды, болбосо жаным тынч балээден алыс жүрө берет элем", - деп ойлонуп үйүнө келди да жатып алды. Ошол бойдон Бекмат үңкүйүп эшиктин алдында отурганы отурган, бирин-экин жандыктарына чөп салып, суугарып келгени болбосо колу-жолу бош. Бир күнү Нургелди телефон көтөрүп келиптир:

- Ата, телефон ала берейинчи?

- Кайдан алдың, канча экен? - деди да Бекмат ичинен: "Бул телефон дегениң жакшы буюм болот экен, тээ кайдагыны үйдөн туруп угуп турганың керемет эмей эмне", - деп ойлонуп кетти.

- Миң сом дейт, жакшы телефон экен ата.

- Макул мен эмки базарга бир кой сатам, кийим-кечеден ашса, анан алып ал.

- Азыр албайт, кийин алам деди.

- Мейли өзүң бил.

- Сонун телефон экен ата, кийин төлөйм.

- Ала бер балам, апаң келсе жакшысын алып берет.

- Ооба, ага чейин көтөрүп турайын, - деп култуңдай сыртка жүгүрүп чыгып кетти, Бекмат ойлуу: "Балдар дагы чоңойду, мен жаңылыштык кетирдим окшойт, неге Зиягүлгө кабылдым экен, кыздарым укса жүзүмдү карабайт го, Насипкан келип угуп калса анда ал үйдөн чыгарып коет го, элүүгө жашым чыкканда элден чыгып балдарыма жек көрүндү болом го, жо-ок баса Насипкан өзүчү, бир жылдан бери ал жакта жөн жүрмөк беле, бирок ал моюнуна алмак беле", - деп ойлонуп өзүнчө жаны төрт чарчы болуп отуз-отуз беш жылдан бери жашап келе жаткан аялын кызганып кетти: "Мен эмне болуп жатам, аялдар андай эмес, балдарды ойлонуп араң жүргөндүр, байкуш эптеп аман-эсен келсе болду", - деп кайра өз оюна өзү курсант боло түштү. Убакыт деген закым, күнүмдүк тиричиликтин машакаты менен өтө берет, күн айга, ай жылга алмашат, кыл мурут өспүрүм кара мурут жигитке айланып, кара мурут буурул сакалга айланып өмүрдүн өтөлгөсү эмнеде экенин байкабай калган учурлар кездешет эмеспи…

Насипкан жан үрөп иштеди, колдору жалаң пияздын ачуусуна саргайып, көзү күндө ачышып жаш агып, отурган жеринен жылбаганга буттары шишип кетти, ала шалбырт болуп айлана жаз жытына бөлөнүп, жер кыртышы кар алдынан эле жашыл дукаба жамына баштаган. Түн ичинде тескери карап алып акчасын санап кирди. Көрсө жыйылган акчасы элүү беш миң болуп калыптыр, эртеси Шайлоого кирип:

- Шайлоо мен эми кетейин, балдарды сагындым, - деди, - Сага ыраазымын, бир жерде иштедим, сен дагы жакшы төлөп бердиң, бирок түбөлүккө жүрө бербейм да, үйүмө кете турган кез келди.

- Аай эже, кетесизби?

- Ооба, айтпай кетип кала албадым, рахмат сага.

- Макул эже, сизге дагы рахмат, - деп акыркы айынын акысын берип үстөлгө отургузуп коноктоду, - Аман жүрүңүз, эгерде келсеңиз түз эле мага келиңиз, эшик ачык, - деди, - Үйбүлөңүзгө аман-эсен жетип алыңыз.

- Рахмат сиңдим, - деп Насипкан жылмая ордунан турду, - Көрүшкөнчө сиңдим, эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт деген сөз бар, балким жолугушуп калаарбыз.

- Аманчылык болсун эже, - Шайлоо кыйыла узатты, анткени пиязды тынбай аарчыганга баары эле чыдай албайт, анан дагы мынчалык пиязды аарчып кайра туурап бергенге чыдамак эмес: "Эми мындайды таба алаар бекенмин", - күн алыс жаңы жумушчу издеп радио узелге баргандан заарканып турду. Насипкан сагызгандан дагы сак болуп калган, дордой базарына кирип өзүнө бир сыйра кийим-кече алды, эки кызына, күйөө балдарына көйнөк кече алып үч уулу менен күйөөсүн унуткан жок. Кечке базарлап келип акчасын караса туура отуз беш миң калыптыр. Ал терең ойлонду да продуктовый товар алып бир машинаны жалдады да айылды көздөй жөнөдү. Ал келип короонун эшигине токтогондо Бекмат эшигинин алдында турган, акырын басып баратканда Насипкан түшүп короонун эшигин ачты.

- Насипкан, сен келдиңби? - деди Бекмат көргөн көзүнө ишенбей.

- Кандай жатасыңар, балдар үйдөбү? - деп айдоочуга кайрылды, - Эшиктин алдына кире бергиле.

- Насипкан, аман-эсен келдиңби? - Бекмат жете келди.

- Кудайга шүгүр, - Эрди аял саамга кучакташып туруп калышканда Амангелди чыга калып апасын көрүп кубанып жүгүрүп жетти.

- Апа-а!

- Садагам десе, кагылайындарым менин, - Насипкандын муун-жүүнү бошой калтырап-титиреп көз жашы жамгырдай төгүлүп кетти, - Берекелерим менин, аман-эсен жүрөсүңөрбү? - деп өпкүлөп жатканда Бекмат дагы чыдай албай жашып кетти. Нургелди менен Эсенгелди болсо чоңоюп калганга тоңдоосун учурашты. Алып келгендерин көргөндө Бекмат абдан ыраазы болду, телефон менен эки кызын тең чакырды эле жетип келишти, Жазгүлдүн баласы алты-жети айлык болуп "ата-апа", - деп калган, Назгүлдүн Аруукеси такылдап сүйлөп, уулу басып жүрөт. Насипкан аларды көрүп башынан өткөн бир күндүк азаптын кайрымына, жараткандын сыноолору дагы кандай болоор экен деген ички сезиминде жүрөксүй сүйлөшүп отурушту. Дасторконду тегеректеп апасынын базарлыгынан ооз тийишти. Эртеси балдары чогуусунда улак алдырып келип түлөө өткөрүштү, коңшу-колоңу келип Насипканга суктанып турду. Насипкан өзүнүн бир кездеги өжөрлүгүнө ыраазы болуп жатты: "Кокус он күн ичинде бир уйдун акчасын жоготтум деп келе бергенимди ушак кылып оңуп калышмак, айрыкча абысындарым", - деп өткөн күндөрүн эстеп жүрөгү канап, ичтен сызып отурса да сыртынан билгизбей жаадырап жайнап:

- Алгыле, даам сызып отургула, - деп жатты.

- Ай Насипкан, сен жолдуу болупсуң, бир жыл иштеп жакшы келипсиң.

- Ооба десең, жаштар иштей албай жүрөт.

- Акча акчаны табат экен, бул үчүн күнү-түнү иштөөгө туура келди, - деп пияз аарчып отуруп, көз жашы куюлуп, мурдунан суу агып, буттары талыганы көз алдына келе кайра чыйрыла түштү, - Жаштар чыдамкайлыкты билбейт, оңой оокат тапкысы келишет да.

- Туура-туура.

- Азамат, эмегиңдин үзүрүн көр, - дешип тарашты. Насипкан балдары менен күйөөсүн короосунун жанына чакан дүкөнчө салдыртты, бир жумада бүтүп, кийинки жумада кооздотуп: "Нургелди", - деп жаздырып койду да дүкөн ачып алды. Абысындары дүкөнүн майлап, коңшулары куттуктап келип жатты, үч абысыны күйөөлөрү менен келип дүкөнүн майлаганыбыз деп бир жылкы беришти. Башка туугандары дагы куруу калган жок. Муну угуп кудалары дагы келип колунан келгендерин берип жакшы тилектерин айтып бир айдай үйүнөн адам үзүлгөн жок. Бекмат турмушуна ыраазы болуп эми гана өмүр өтөлгөсү өз жемишин бере баштаганына ыраазы боло оор дем алып: "Ушунуңа да шүгүр, күнүмдүк оокат өткөнүнө кубанып деле жашап жүрбөдүк беле", - деп жүргөндө бир шумдук окуя болду. Зиягүл Бекматка өчөшүп бир курбусуна Бекматтан боюнда бар экенин айтып коюптур, ал дагы бирөөгө айтып, биринен-бири өтүп акыры ал Насипканге жетет. Ага боор ооругандан эмес, адам баласынын карасы ичинде эмеспи, табалагандай болуп коңшусу атайын дүкөнгө келип сөздү тээ алыстан баштады:

- Насипкан, бу аялдар тытынып оокат деп жаныбызды сабап, бала-чака деп жашайт экенбиз да, - деди кыйды көз менен карап.

- Анан эмне, аялды түйшүккө жараткан тура.

- Ошону айтам да, сен байкуш тытынып балдарың көздөн учуп оокат деп жүрүп келдиң…

- Ооба-ооба.

- Бекмат ошону билмек беле?

- Эмнеге, ал башка эркектердей болуп ичпейт, балдарга баш көз болуп жүрдү, ал байкуш момун да бир, - Насипкан күйөөсүнө жан тарта сүйлөдү.

- Оо кокуй, чоңойгон балдар өзүн-өзү багат да, аның эмне…

- Эмне болуптур ал?

- Деги да, ушактар учуп жатат го?

- Кандай ушак?

- Эчтеке уккан жоксуңбу? - Табалагандай карады, - Бир кишинин кулагы керең деген ушу да, ойлодум эле Бекматты Насипкан үйүнөн кууп чыгабы деп, - Сынай күлүп калды, - Көрсө сен эчтеке укпапсың да.

- Маалкатпай айт, айта турганыңды, - Насипкан өзүн кызыктай сезип коңшусу Тумарды жаман көзү менен карады.

- Бекмат сен жокту Зиягүл менен жүрүп алган турбайбы, деги эле Бекматтан мындайды күткөн эмесмин.

- Койчу?! - Насипкан ишенкиребей карап калды.

- Койбой эле, анын боюнда бар имиш.

- Калп, андайга Бекмат жашында барган эмес, эми бармак беле?

- Укканымды айттым да, ким ойлоптур ошондой болот деп? - Купшуңдай дүкөндөн чыга качты, - Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман деген ушу да, - деп үйүнө кетти, Насипкан өзүн зорго токтотту: "Эркек деген ушул экен да, мен намыс деп атам тааныбаган жерде көзүмдүн курчун кетирип акча табам деп бир жыл бою бут чечпей азап менен келсем, мунун кылганын кара", - деп дүкөндүн эшигин жаап коюп көпкө отурду, анан кайра өзүн кармап: "Эркек дегенге ойногон күлгөн жараша берет, аялдын бузулганы жаман, болсо болгондур, үйдө аялы болбосо жылуулук издегендир, менин көзүмчө жүрүп кеткен жок, эл айтса айтып калаар, эмне болмок эле", - деп сооронуп алып дүкөндөн чыгып үйүнө кирди, Бекмат телевизор көрүп отурган экен.

- Эмне киши жокпу? - деди ал.

- Ооба, эч ким жок, түшкүгө тамак жасап койсоң боло?

- Макул кемпир, балдар үйгө жолобой калды да.

- Жүргөндүр да, мен жокто көнгөн го, сен аларды тескебей тим койгондурсуң? - деп күйөөсүн сынай карады.

- Тескегенде эмне чоңоюп калбадыбы, өздөрү деле билишет…

- Кокус жаман ишке кабылып калышсачы?

- Кудай сактасын.

- Сен үйдө болчу белең өзү?

- Үйдө болбогондо эмне, кайда жүрмөк элем? - Жамбаштап жаткан жеринен тура калды, - Менден эмне шексинип турасыңбы?

- Жо-ок, деги айтам да, балдарың үйгө жолобойт экен.

- Балдар менен жүргөндүр, келип калаар…

- Мейли эми, тигинде эт турат, мен дүкөндү ача берейин, келээрки жумада товарга барам, - деп чыгып кетти.

- Аялга бийлик тийсе эрин кул кылат, деген ушул экен да, - Бекмат ыкшына туруп эт туурап, картошка аарчып жатканда Эсенгелди кирди, Бекмат аны карап коюп, - Кайда жүрөсүңөр ыя, апаңар мени соттоп жатат, - деди.

- Эмне деп? - Атасын делдээ карады.

- Балдарды тарбиялабай ээн кое берипсиң дейт.

- Эмне, биздин күнөөбүз бар бекен?

- Үйдөн кеткенде кайда бараарыңарды айтып жүрбөйсүңөрбү, өзүбүз бечара адамбыз, экөөңө эки телефон алып берди балам, силерди ойдогудай өссүн деп апаң байкуш иштеп келди, мээнетти актай турган болгула балам.

- Ой ата, биз эмне кылып жатабыз, Нургел тээтиги жерде отурат балдар менен, мен классташыма жардам берип жер казышып келдим.

- Үйдөгү жер казылбай турат, үчөөлөп кассаңар эбак бүтмөксүңөр.

- Апам айдатам деди го?

- Өзүңөр билгилечи, мындан ары айтпай кетпегиле.

- Макул ата.

- Мына муну экөөлөп тамак жасайлы балам, - деп плитаны жандырып отко кострюлду койду да кууруй баштады. Насипкан кечке ойлонду, бирок Бекматты күнөөлөй албады: "Өчөшкөндө эмне, кыз-күйөө күтүп, небере көргөндө урушуп эмне тапмак элем", - деген жыйынтыкка келди. Улуу абысыны Сайра ушакты угуп өзүнчө кабатыр боло күйөөсүнө:

- Ботом, ушу баланы дегеле ушундай ишке барат деп ойлобопмун, - деди.

- Эмне болуп кетти? - Шермат бийик кабагын көтөрө аялын карады.

- Иниң Насипкан шаарда жүргөндө тиги Нусупжандын жесири менен жүрүп алган имиш, ал гана эмес боюнда бар деп жүргөн имиш.

- Ким айтып жүрөт?

- Эл дуу кеп кылып алыптыр, тиги келиниң укса бир жаңжал болот го, кыз-күйөөсүнө кеп болуп калбагай эле.

- Элдин айтканына ишенип Насипкан эми жаш беле, сен дагы оозуңду жаап жүр, билмексен болуп кой, - деп Шермат ормое карады аялын.

- Мен ага жетип айтканы жатат дейсиңби, келиниңдин кыял-жоругу башынан маалым, эл дүрбөтүп бир шерменде кылабы дейм да, - Сайра күйөөсүн жаман көрө күңкүлдөдү, - Деги башкача болуп калды байкуш, шаарга барып иштеп келгенден бери мүнөзү таптакыр башкача, элге дагы токтоо мамиле жасап калыптыр, элди-жерди көрүп кагылып калганбы?

- Жаман болсо жаман деп теңсинбей шалпетек келин дейсиңер, эми жоошуп калса дагы көрө албайсыңар, деги аялдар кандай калксыңар, эмнеси болсо дагы балдарын өстүрүп үйүн-үй кылып отурат, келиниме рахмат.

- Өзү менен өзү боло берсин.

- Жанагы сөзүңдү унут.

- Ботом, ал акыры угулат да, баланы төрөп туруп алып барып берем, же ал мага үйлөнөт деп ар кимге кымырынып-кысынып койбой айтып жүрөт дейт.

- Кудай урган неме го?

- Азыркы жаштардан уят кетип калбадыбы.

- Ага барып оозун жаптырып коюш керек экен анда, тынч жашап жатканда арасын алыстатып уруш чыгарып жүрбөсүн, - дегенде Сайра күйөөсүн аңкыя карады.

- Сен жабасыңбы анын оозун?

- Жапса жаап коем.

- Кантип?

- Ушинтип эле, - деп Шермат күлүп калды карсылдай, - Андай неменин оозун жабыш оңой эле.

- Сен эмне деп жатасың ыя, ушу сенин дагы бир балээң бар, азыр андай келиндер улуусуна карабай чөнтөгүнө, малына карап калбадыбы, эгерде бир сөз уксам сени түз эле киргизип берем, - деп Сайра кызаңдады.

- Эй жинди, ал келинди сүйлөбөс кылып коеюн деп жатам.

- Кантип, кандай жол менен, айтчы оюңду?

- Ушу жашыбызда кызганып балдарга уят болбо, анын самаганын билип эле турам, ага бир кой берип туруп колунан тил кат алыш керек, - деп Шермат аялына жини келип ордунан турду, - Бекмат менин бир тууганым экени калппы ыя, мен алтымышка таяп, сен элүүнү ортологондо экөөбүзгө уруштун кереги не кемпир, бир кой кимдин жанын алып калат имиш.

- Ошол жесир койдон айлансын, өз абийирин төгүп жүргөн неме сага берген убадасына турат дейсиңби?

- Турат, мен аны бала Бекматтыкы эмес дедирип жаздырып алам да.

- Ээк, өзүң эле билчи, - Сайра ары басып кетти. Шермат унчукпай калды: "Бекматты кудай урган экен, кокус Насипкан билсе кууп чыккандан кайра тартпайт, өзүнө кеңешейин", - деген ойдо инисинин үйүн көздөй илкип жөнөдү. Бул убакта Бекмат тамак жасап бүтүп Насипканды чакырып, үч баласы болуп чогуу тамактанып отурушкан. Дүкөн ачкандан бери жеген-ичкендери бир топ оңолуп "кул жебестен", жеп калышкан эле, Шермат эшиктен баш бакканда эле Насипкан тура калды:

- Келиңиз аке.

- Кайдан? - деп койду Бекмат, - Төргө өт.

- Биякка келиңиз аке?

- Рахмат балам, - деп төргө отуруп келинине назар салды, - Соода болуп жатабы?

- Болуп жатат, эл бар эмеспи аке.

- Ооба-ооба, оокатыңарды кыла бергиле.

- Жакшы экен бу соода деген, балдар дагы акчаны кенен кармап элдикиндей жашоо болуп калды, - Бекмат дердээ карады агасын.

- Ошондой эле болсун, оокатыңарды оңдоп жакшы болду, эми туура пайдалана билгиле, дөөлөт тоголок, мээнет жалпак болот, адам өзүнө келген ырысты кармай албаса колдон суурулуп түшүп калат, мээнет деген бир жабышса кетпейт балдар, ошону үчүн жалпак, - деп Шермат алдына келген тамакка карады. Бир аздан кийин Бекмат менен Шермат сыртта сүйлөшүп турду.

- Сен ишти чала кылганың кайсы, этият болбойт белең, менден башка ким айтат сага ыя, бүгүнбү же эртеңби келин угуп калса эмне болот?

- Эмнени? - Бекмат агасын таңгала карады.

- Билбейсиңби айыбыңды, бир күнү Зиягүл баласын көтөрүп алып келип калса үйбүлөңдү сактай аласыңбы, үлгүрөсүңбү ошого?

- Эмне дейсиң аке, аны кайдан уктуң?

- Эл арасында шумдук сөз жүрүп жатат дейт, сен азырынча эчтекени биле элексиң го?

- Жок, - Бекмат шалдая жер карап калды.

- Ушундайда оозун жаап койбосок абийириң төгүлөт бала, мен киши жөнөтүп токтотоюнбу?

- Мейли.

- Нымтырап эмитен дел болуп калдың, эки катындын ортосунда калганда кантесиң, сак бол, - деди да Шермат үйүнө жөнөдү. Бекмат кыжаалат болуп туруп калды: "Акмак десе, боюмда бар десе эле ишене берет белем, сени шашпа, мен эч качан мойнума албайм, айтса эле ким ишенет экен", - деп ойлонуп үйүнө кирди. Ошол түнү Насипкан дагы ага табышмактуу түн даярдап жаткан эле, ал ачык айтып элге жеткирбей өзүң басып кел, эгерде чындап эле боюнда болсо аны менен кааласың дегиси келген. Бекмат өзүнчө ойлонуп жатаарда аялынан коркуп турду.

- Уктай элексиңби? - деди Насипкан жумуштарын бүтүп келип чечинип жатып.

- Ооба, баары бүттү, эми экөөбүздүн гана сүйлөшөөр сөзүбүз калды.

- Эмнени? - деген Бекматтын жүрөгү солк этип алды.

- Сен жөнүндө жана сенин жаңылыштыгың жөнүндө.

- Насипкан…

- Болду сүйлөбө, - деп жанына жатып күйөөсүн карап жатты. - Мени эчтеке билбейт дегенсиң го, жо-ок Бекмат, эл деген эл, кургап турган чөпкө ширеңке чаккандай эле, дүрт этип күйсө айланасынын баарын өрт каптайт, өрт эмне кылат билесиңби? - дегенде Бекмат аялынын урушуп-талашпай акылдуу сөз менен айтканына ичтен ыраазы болуп да таңгалып да турду: "Буга акыл картайганда кирип жакшы болду, болбосо суу куйду жинди эмес беле, кудай жалгай гөр", - деп ойлонуп жатканда, - Эмне болду, сүйлөбөйсүңбү, - деди Насипкан.

- Эмнени сүйлөйүн, баарын угупсуң, чечимди өзүң чыгар.

- Бошотоюнбу?

- Эмне?

- Зиягүл менен жашайсыңбы?

- Насипкан, жакшына болчу, анын эмне кереги бар?

- Баланы таштагың келеби, балдар чоңоюп калды, кааласаң-койсоң өзүң бил, - деп Насипкан ары бурулуп кетти. Бекмат эмне дээрин билбей жата берди, - Балдарга мен түшүндүрүп коем, терең ойлонуп чеч Бекмат.

- Мынча акылдуу аялсың?

- Мени турмуш үйрөттү, кагылдым-согулдум, турмушта жашоого терең кароого үйрөндүм, адамдардын жүрөгү назик экенин талдап көрдүм, сен Зияданы таштаба, мен макулмун баарына, аны менен дагы, мени менен дагы жашай бер, алып келип тааныштыр, - деди Насипкан.

- Ойлоноюн, сен мени жарга такап койдуң Насипкан.

- Ойлон, мен сени урушпайм дагы, кыйнабайм дагы, - Экөө үндөбөй жатып калышты, түйшөлүү менен санаа, ачуу ыза, жүрөк ооруткан сезимдер экөөнү эки аралга калкытып алып кетти. Түнү бою уктай алышкан жок, Насипканга деле оңой болгон жок, ак уул, кызыл кыздуу болуп бир топ жыл жашаган өмүрлүк жарын кантип башкага ыраа көрсүн, аргасыз элдин сөзүнөн үйбүлөсүн сактап калгысы келди, анча-мынча апырткан ушактарды, учурта айткан эл арасындагы көрө албас ичи арам адамдардын жаагын жап кылгысы келди: "Эркектин жаманы жата калып ат үркүтөт", дегендей алтын баштуу аялдан бака баштуу эр өйдө, - деп күйөөсүнүн арбайын көтөрүп койгусу келди, дили ошону каалады, дүйнөдөн акыры бир гана адам катары өтөөрүн, өтөөрдө артында жакшы сөз калуусун каалады. Бекмат аялынан эмес өз абийиринен уялды, өзүнүн катачылыгын кечирүүсүн өтүнүп кудайдан кечирим сурап, кыз-күйөөсүнүн алдында кылмыштуу адамдай али эч нерсе билине элек болсо дагы кичирейип, төшөк ичине башын катты. Көп жүргөн эркектин бети ачылып өзүн эркектин "көзүрү" сезип кайра аялдарын көргүсү келбей калат эмеспи, майда-барат иш болгону менен кылымды козгоор окуяга барабар иш кылганын сезди. Түн терметип уйкусу качып жатып түмөн санаанын канатында каалгып жатып уйкунун кучагына киргенин байкабай калды. Эртеси ал жөнүндө сөз козголбоду, ар кимиси өз тиричилиги менен күн кечирет… Ашым Назгүлдөн чыга албай калды. Аруукеси менен Акбердиден кийин дагы кош бойлуу болуп кайната кайненесинин сүйүктүү келини, "кыларман келин билерман", - болуп Батмакан келинине бүт бийликти, жадагалса сандыгынын ачкычын берип:

- Балам, кокус көзүм өтүп кетсе этегимди жабаар сенсиң, кызым жок кызымдайсың, колумда болуп бар мүлкүмө ээ болчу дагы сенсиң, - деди бир күнү.

- Апа, биздин төрүбүздөн урмат сый көрүңүз, - деди Назгүл саал ыңгайсыздана, - Атам экөөңүздөр төрүбүздүн көркүсүздөр да.

- Буйруганын көрөөрбүз балам, бул сандыкта биздин өлүмтүккө арналган сарпайылар, Таалайкүл менен Калнур келгенче өзүң тейлейсиң, алар келсе да сырт адамдай сен айтканды кылат, анткени сен биздин колдогу келинсиң, - деди чын дилинен. Эне-баладай болуп сырдашып сүйлөшүп отурушканда эртең эшигинин алдына чагылган түшкөндөй чарт эткен окуя болуп кетээрин сезишпеди, тек жашоодогу бир гана үйбүлөнүн күнүмдүк өткөн өмүрлөрдүн бири эле. Эртеси Батмакан эшигинин алдындыга сөрүдө чай ичип отурушкан, Акберди тамтаңдап басып жүргөн, Аруукенин тили буудай кууруйт, Ашымды этектеп жанынан чыкпайт. Үйдө баласын уктатып жаткан Назгүлдүн телефонуна кат түшкөн дабыш келди. Караса: "Ашым, сени мен тынч койбойм, менин боюмда бар, үч айдан өттү, мени же аласың же мазактаганың үчүн жазага тартыласың, бир келип кет, мен сени күтөм", - деп жазыптыр. Анткени Ашым Гүландадан коркуп телефон номерин алмаштырып алган. Ошондуктан сураштырып Назгүлдүн телефонунун номерин таап жазып жаткан эле: "Сен кимсиң", - деп жөнөттү Назгүл: "Мен сенин күндөшүңмүн, сен Ашымды кандай сүйсөң ошондон катуураак сүйөм", - деген жооп келди. Улам бирине кат жөнөтүп ойносо таң аткыч бүтө турган эмес, Назгүл телефонун өчүрүп койду. Жүрөгү ооруду, көзүнүн жашы уулу жаткан жаздыкка куюлуп сиңип кетип жатты: "Деги ушундан эбак эле кутулушум керек болчу, мен эмнеге жүрөм бул жерде, балалуу боло электе эле кетип калсам эмне, өзүмдү сүйбөгөн адамга таңууланып жашадым окшойт, кереги жок мындай жашоонун, эми чыдай албайм, сөзсүз кетишим керек", - деп ойлоду да баласын көтөрүп үйүнө жөнөдү. Кайненесине айткан жок, Арууке чоң энесинин жанында отуруп чулдурап сүйлөп ойноп жаткан, аны тим койду. Ал түз эле дүкөнгө кирди, апасы соода жасап жаткан, ары жагына өтүп уулуна конфеттен карматып отургучка отуруп калды. Колу бошогон Насипкан:

- Келгиле, кана уулум келчи? - деп Акбердини өзүнө алып өөп, анан Назгүлгө кайрылды, - Кайдан жүрөсүңөр кызым?

- Жөн эле келдим апа, - Назгүл жаш толо түшкөн көздөрүн ары бурду, - Келсем болбойбу?

- Болбой анан, келгениңер жакшы эмеспи, силердин барыңар бизге кубат да кызым, Арууке ойноп жүрөбү?

- Жүрөт.

- Ашым эмне кылып жатат?

- Ашым…

- Эже кандайсыз, шекериңиз барбы? - деп ошол учурда кардар кирип калды.

- Канча берейин?

- Эки кил бериңизчи.

- Мына, жүз он сом, - деп кардарды кетирип кызына кайрылды.

- Апа, сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмнени?

- Эже, сизде жакшы арак барбы? - деп дагы бирөө кирди.

- Бар, эң жакшысы жүз жетимиш сом, арзаны элүү сом.

- Жакшысынан экини бериңизчи.

- Мына, үч жүз кырк сом, - деп кардарын кетирип ийип жанына отураарда Назгүл апасына:

- Апа, бир аз жаап койчу, сүйлөшүп алалы, - деди.

- Ошончолук зарыл болсо мейли, - деп Насипкан дүкөнүн жабайын деп жатканда эки-үчөө кирип келди, аны жөнөткөнчө улам бири келип кете берип сүйлөшүүгө убакыт табылбады, Назгүл туруп үйүнө кирип кетти, ал атасына кирди, Бекмат эки баласы менен эшиктин алдында иш кылып жаткан.

- Кел кызым, Акберди келдиби, оо айланайын десе, келчи мага, - деп колун созду, Акберди чоочуркай апасына жашынды.

- Бара гой, таятаңа барчы Акберди.

- Кел уулум, - Эки колун созгондо болбой кача берди.

- Таятаң да Акы, таятага бара гой, - десе дагы барбай койду.

- Мейли, аман болгула, кел эми өөп коеюн, - деп Бекмат эңиле өөп коюп күрөгүн таяна туруп калды, - Апаңа жолуктуңбу кызым?

- Ооба колу бошобойт экен, соода жакшы болот экен ата.

- Ошондой, дүкөн ачканыбыз жакшы болду кызым, мал курап алдым, апаңдын акылы утту бул жагынан, - Бекмат кубанганын билдирди.

- Ичкен-жегениңерге жараса болду, - деп Назгүл үйгө кирип кетти, анын маанайы суз экенин көргөн атасы унчукпай ишине киришти. Кечке үй ичин жыйыштырып тамагын жасап жатты Назгүл, кечинде үйгө кирген Насипкан анын үйдө экенин көрүп чоочуп кетти.

- Силер кеткен жоксуңарбы?

- Жок, сиз менен сүйлөшөм, балким такыр кетпейм, - Назгүл апасын сырдуу карады.

- Эмне уруштуңарбы? - дегиче Ашым кирди.

- Жакшысызбы апа?

- Кел келе гой.

- Келдим, Нази эмнеге баса бердиң? - деп Назгүлгө кайрылды Ашым.

- Сен эмнеге келдиң?

- Жүрү үйгө.

- Барбайм.

- Нази, сен жөн келген жоксуң, уруштуңар беле? - деп Насипкан кыз-күйөөсүн карады, - Соо эмессиңер го?

- Жок, жок апа, урушкан эмеспиз, - Ашым калдастап кетти.

- Сен үйүңө бар дагы телефонду кара, мен таштап келгем, ушул бойдон сенин үйүңө барбайм, - деп Назгүл күйөөсүнө жини келе карады.

- Түшүнсөм буйрубасын, эмне болду деги?

- Менден минтип сураба Ашым, ушунча чыдаганым жетишет, экинчи бул үйгө келгениңди токтот, керек болсо балаңды да алып кет! - деген Назгүл Акбердини анын колуна карматты, - Ал, экөөнү тең, сенин да, менин да балабыз, сени көргүм келбейт! - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Нази, бул эмнең, эне-атанын төрүнө келип урушпай ошол үйдөн айтчуңду айтып анан келбейт белең? - деп Насипкан кызына таңдана карап эмне кылаарын билбей калды, Ашым уулун алган бойдон селдейип көпкө турду да артына кайрылып чыгып кетти, ал чыгып баратканда алдынан Бекмат чыкты:

- Кетип жатасыңарбы балам, тамак ичип кетсеңер боло.

- Кете береийн ата, - деди да башка сөз айтпай жөнөй берди, эч нерсеге түшүнбөгөн ата үйгө кирип аялына:

- Ой Нази калдыбы? - деди.

- Ооба, - Насипкан ашыкча сөз айтпай дасторкон жайды, - Тамагыңарды ичкиле, Назгүл кел тамак ич, мен чарчадым, - дегенде Назгүл келип дасторкон четине отуруп калды.

- Нази, Ашым экөөңөр урушуп калдыңарбы?

- Ооба ата, мен ушунча чыдадым, мен батамбы үйүңөргө? - деп ыйлап жиберди, - Ал дайыма бир аял менен жүрөт, анысы мага бүгүн чалып алып боюмда бар, Ашым мени сүйөт дейт, - Шолоктоп ыйлап отуруп айтып жатканда Насипкан менен Бекмат бири-бирин нес боло карап туруп калды, не демек, айрыкча Насипкан кызына боору ооруп кетти, өз башындагы азап кызынын башына түшкөнүнө жүрөгү сыздап турду, сөз айтып жубатууга жарабады: "Мейли, ызасын чыгарып алсын, мага караганда жаш эмеспи, ичи күйүп өрттөнүп турат го каралдым, неге мындай болду, бирөөнүн ийнесине кыянат кылган жок элем го, атасынын кылыгын укса эмне болоор экен, бечара кызым ай", - деп нестейип отура берди, Бекмат андан бетер оозуна талкан толтуруп алгандан бетер үнсүз: "Кудай урду, өзүм тигинтип отуруп кайсы акылды айта алам, эгерде менин кылыгымды укса кызым көтөрө алабы, өзү минтип самандай өңү саргайып бизден бир сөз күтүп турганда", - деп башын көтөрө албай отурду:

- Апа, дүкөнгө киши келди, чакырып жатат, - Амангелди ортодогу ыңгайсыздыкты буза сырттан кирди.

- Азыр барам, Эсенгелди менен Нургелди кайда жүрөт?

- Эшикте.

- Кирип кардыңарды тойгузуп жаткыла.

- Макул апа, - Амангелди эшикке чыгып кеткенде Насипкан туруп сыртка карай басты.

- Мага бир ооз акылыңарды айтканга жарабадыңарбы, анда мен басынып, ошол аялдын сөзүн угуп ызалансам дагы Ашымдын эшигинде жашай берейин, менин силерге керегим жок тура! - деди Назгүл эшикке карай булкуна жөнөгөндө Насипкан кармап калды:

- Токто, кеңешели кызым, ит куугандай күйөөңдүн артынан барасыңбы, мен келейин, баарын таразалап көрүп анын ата-энесине айтып анан чечебиз.

- Анан эмнеге экөөң тең унчукпайсыңар, баятан бери силерден сөз чыгабы деп күтүп отурдум го?

- Чыда кызым, - Эне кызын бооруна кысты, - Акыл менен чечели, адегенде атаң экөөбүз тең таңгалганыбыздан сөз таппай калдык да, - деп жоошута төргө өткөрдү да эшикке кетти. Соода деген кызык да, кээде аз, кээде биринин артынан бири келип отурууга чолоосу жок, Насипкан дүкөндү чоңойтмок болуп жүргөн оюнда. Ошол түнү эне-бала өздөрүнчө бир бөлмөгө жатып алып сүйлөшүп жатышты, Насипкан өз түйшүгүнөн дагы кызына ичи ачышып жатты, Ашымга жини келип ажыратып алгысы да келди, бирок али эч нерсеге түшүнө элек балдарын ойлонуп, Ашымдын үйүнө Назгүлдү ээрчитип эртеси эрте барды. Эшиктин алдында турган Кадыржан:

- Келгиле кудагый, келгиле, - деп утурлай тосуп алды.

- Келдик, жакшы жатасыңарбы куда? - Насипкан кудасы менен эч нерсе болбогондой эле учурашты, - Кудагый үйдөбү?

- Азыр келет, үйгө киргиле.

- Ушундай эле тура туралы, тез эле келээр бекен?

- Келип калаар, - Кадыржан ары-бери басып жатты, Насипкан менен Назгүл бири-бирин карап турганда Арууке куурчагын көтөрүп үйдөн чыгып.

- Апа, сен каякка бардың? - деп Назгүлдү кучактап калды.

- Таятаңдыкына бардым.

- Мени ала кетпейт белең?

- Мына келбедимби, сени эмкиде алып кетем ээ?

- Чын элеби апа?

- Ооба, чын эле алып кетем, - дегенин угуп Кадыржан үндөбөдү, алар аябай кечигишти, түшкө жакын Акбердини көтөргөн Ашымды алдына салып Батмакан келип калды.

- Кел кудагый, үйгө киргиле.

- Сизди күтүп эле…

- Ботом, Кадыржан үйгө кир дебедиңби? - Батмакан Назгүлгө карады, - Ыя балам, бул сенин дагы үйүң, кудагыйды сыртка тургузбай үйгө киргизип чай-пай бере бербейт белең балам, - дегенде Назгүл уяла түштү: "Чын эле, буларда эмне күнөө, өзүмдүн көнгөн үйүм", - деп ойлонуп акырын ашкана тарапка басып кетти, Батмакан Ашымды көздөй башын буруп: "Сүйлөш", - деген белги берди, - Жүрү кудагый үйгө кир.

- Көпкө туруп калдык, - деп Насипкан эшиктен сүйлөшө албасын билип, ичке кирип орун алды, Кадыржан алардын артынан кирди.

- Кел кудагый чайга кара, - Батмакан жалпылдай берээрге эч нерсесин таппай жатты.

- Кудагый, балдардын түшүнбөгөн иштерин билейин деп келдим эле, күнөө кимисинде экенин талдап, териштирип көрөлү, ырас ошондой эле жашай албай калса ажыраштыралы, үйгө барса ошол бойдон жибербей койгонум болбойт, балдары турат.

- Ой кудагый, күнөө чынында менин баламда, Назгүлдүн айтканы чын, мен азыр ошол келинге барып экөөнү соттоп келдим, энесинин көзүнчө баарын айттым, балабыз үчүн кечиримди биз сурайлы, чырактай уул-кызы турат, алардын убалы кимде, айып менин баламда, - дегенде Назгүл кирди, анын колунда тамак бар эле, акырын эңкейип адегенде кайнатасына, анан ырааты менен берип четке отурду:

- Ата, апа мен сиздерди сыйлайм, чынымды айтсам сиздер үчүн кете албай жүрүп эки балалуу болдум, бекер кылыпмын, ошондо эле кетип калсам оңой болмок экен, - деди жер карай.

- Аны экинчи сүйлөбөс кылдым балам, Ашым үйдөн чыкпайт, ал келинди апасы шаарга алып кетмек болду.

- Ага деле убал го, баласы кантет?

- Аны өзү билсин, сүйлөшүп тынчытып келдик, апасы кызы үчүн кейип тилдеп калды, демек бул жерде болбойт.

- Апа, эгерде Ашым аны кааласа аны менен кала берсин, мен кетейин, балдарды мага бериңиздер, болбосо сиздер айткандай болсун, талаша албайм, - деп Назгүл баш көтөрбөй отуруп айтты.

- Мен келинимди эч жакка кетирбейм айланайын, эгерде бизден кечем десе Ашым кетсин үйдөн, сен кетпейсиң, - Кадыржан Назгүлгө карады, - Неберелерим менен келинимден ажырай албайбыз.

- Туура Нази, атаң туура айтат, биз сени кетирбейбиз, айтпай-этпей кеткенден көрө бизге айтсаң куда-кудагыйды ойлонтпой эле өзүбүз чечет элек го? - Батмакан ушинтти да эшикке карай ээк экчеп, - Ашым, ээ Ашым! - деди үнүн чыгара.

- Эмне болду апа? - деп башын жерге салган Ашым күнөөлүүдөй салбырады.

- Эмне болду деп коет, кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп, кана келинден кечирим сурайсыңбы жокпу? - деп Батмакан өктөм сүйлөдү.

- Нази, кечир мени, экинчи мындай болбойт…

- Ашым, мурда бир кечирдим, андан башка кылыгыңды эстесем отургум дагы келбейт, өмүр бою эле сенин кылыгың үчүн өзүмчө кыжаалат болуп жашап өтөмбү, канча убада бердиң, бирин аткардыңбы, балдардан аттап өтүп бир аялды ашыкча көрдүң, - Ызалуу, буулуга айтты.

- Куда-кудагый, - деди баятан бери үндөбөй отурган Насипкан, - Ушунчага жеткенин билбептирбиз, кызымдын ушул абалын көрүү мен үчүн дагы оңой эмес, мынча болду мен Назгүлдү алып кетейин, дагы ойлоноор, ачуу менен айтып жаткандыр, биз эле эки баласы менен ажыраштырып алып не максатка жетебиз, эки бала эне-атасы менен өскөнүн каалайбыз, - деди да Ашымга карады, - Балам, Нази менин ичимден чыккан бала болсо сен сыртымдагы баламсың, сени Назиден кем көрбөйбүз, эгерде чындап эле көңүлүң болбосо өзүңдү да, муну да кыйнаба.

- Апа, кечирип коюңуз, ал өзү эле ошентип жүрөт, мен Назгүлдү жакшы көрөм, өзүм каалап-сүйүп алгам, кечириңиздер апа! - деп Ашым төшөккө тизээлей отура калды, - Кечириңиздер апа, экинчи мындай кайталанбайт.

- Тур өйдө! - деди ачуулуу Кадыржан, - Убаданы берүү оңой, аткаруу колуңдан келеби?!

- Ата.

- Болду, экинчи сенин ушундайыңды угайын үйдөн биротоло кетесиң, балалыктан кечип коем, бүтүн эл-журтка кеп кылып, урук-тукумду булгап, өз абийириңди өзүң төгүп алып айтканын кара, сага эми ким ишенет ыя?

- Ата, кечирип койгула эми.

- Кечирим бере турган иш кылдыңбы, чык эшикке!

- Ата-апа, мени кечиргиле, Нази кетпей эле койсун, - деп анан башын жерге салып сыртты көздөй чыгып кетти.

- Куда-кудагый, биз жылалы, жакшылап ойлонуп чечишсин, жашоо экөөнүкү, бир аз күн үйдө болсун Назгүл, - деди да дасторконго бата кылды, - Өзүңүздөр дагы сүйлөшкүлө, биз кайталы, - дегенде Батмакан.

- Мейли, ачуусу кайтсын, терең ойлонсун, куда-кудагыйдын түшүнүктүүлүгүнө тобо айланайын, ишиңер оңоло берсин, балдарды оң жолго гана баштап, акыл-насаат айта турган биз, барса барсын, - деп кудагыйын көтөрө чалып мактап үйүнө узатып койду, - Сен дагы ойлон садага, балдардын келечегин жакшылап чеч балам, - деп Назгүлгө карады. Ашым башын эки колдоп мыкчыган бойдон кала берди, аны чын дилинен сүйөөрүн эми гана сезди, артынан барып алып калмак болду, бирок азыр ачуулуу экенин билгендиктен унчукпады. Гүланданын өзүмчүлдүгүнө жини келди: "Акмак десе, атайлаганын кара, үйбүлөмдү бузгусу келген экен боюнда болбосо дагы мени имерип алам деп калп сүйлөгөнүн кара", - деп ойлонуп жатты.

Назгүл төркүнүндө жүрүп калды, бир жумага жетпей Ашым Аруукени ээрчитип келип калды, кызын көтөрө калып өпкүлөгөн келин күйөөсүн көрбөгөндөй басып кетип баратканда Ашым.

- Нази, мени менен учурашпайсыңбы? - деди ордунан жылбай.

- Кет, сенин керегиң жок!

- Нази кечир, үйгө кетели, балдарды чогуу өстүрөлү, мен экинчи сени капа кылбайм, - деп жанына келди, Назгүл кадамын токтотуп көзүн жумуп жиберди. Биринчиден аялдык аео сезими, бир жагынан энелик жоопкерчилик аны жибитпей коймок эмес, көзүнүн жашы куюла ары басып жөнөдү, - Нази, балдарым үчүн кечир!

- Балдарды ортого салба!

- Мен сени сүйөм Нази.

- Жалган, кыжырымды келтирбе.

- Эмнеге, мен чынымды айттым Нази, сенсиз мен жашай албайт экенмин, үйгө кетели Нази, - Артына келип жандай албай башын жерге салып сүйлөп жатты, - Кечир мени Нази, акыркы сөзүм…

- Үйгө кет Ашым, мен сени менен жашай албайм, - деди да жүгүрүп үйүнө кирип кетти, Ашымды көрүп Нургелди басып келип учурашты.

- Кандайсыз жезде?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Ойдогудай.

- Эжең мага таарынып жатат, кетели десем болбойт. Ашым кайнисине арыздана кетти.

- Эмне уруштуңар беле?

- Жо-ок, биз урушпайбыз.

- Анда эмнеге таарынат?

- Билбейм, кой мен кеттим, - Ашым шашыла жөнөдү.

- Жакшы барыңыз, - деп кала берди Нургелди. Назгүл үйгө кирип ыйлап жаткан, Нургелди аны көрүп унчуккан жок, кайра чыгып кетти, эртеси Ашым эки жеңесин ээрчитип келип кайнатасына жалдырап жатып алып кетти. Назгүл барбайм десе эки абысыны кайра-кайра бир мисалдарды айтып жатып зорго көндүрдү. Үйүнө келгенде ыңгайсызданып араң зорго өзүнө келди, ал эми: "Ашымды өзүм каалагандай башкарам, эми көрөмүн сенин ойнош күткөнүңдү, эгерде дагы бир ушундай болсо жетелеп барып киргизип берем", - деп ойлонуп жатты ичинен. Кайната, кайненеси баягыдай эле "Нази, Нази", - деп турушат. Ашым күнөөсүн мойнуна алып Назгүлгө жагына албай от жакса да жанында жардамдашып элпилдеп калат, ан сайын Назгүл карабай коет.

- Нази, мен сени өмүр боюу сүйүп өтөм, күнөөм үчүн сени төбөмө көтөрүп багам, ишен жаным, - деп мүңкүрөп тамак жасап жаткан Назгүлгө от жагып берип отуруп айтып жатты.

- Ашым, куруу убаданын кереги эмне, сага ишенүү кыйын, жашымда ишенип минтип балдар менен жипсиз байланып отурам.

- Акыркы жолку убадам, ишен жаным.

- Көрөбүз, убада бербей аткарып көр, мен сени балдарым үчүн, жаман айтпай көңүлүмө карап, көкүлүмдөн сылаган атам менен апам үчүн кечирейин, - дегенде Ашым тура калып келинчегин кучактап өпкүлөп ийди.

- Ыраазымын алтыным.

- Эми үчүнчү балабыз болот, акылың болсо ойлоноорсуң.

- Албетте, буга чейин да абдан ойлондум, туура эмес иш кылганымды.

- Эсиң барда этегиңди жый дегенди билээрсиң, - деп жылмайып койду. Ооба, ортолорундагы балдар экөөнө даанакер болду, эненин мээрмандыгы жеңип үйбүлө деген түндүктүн туткасын бекем кармап, турмуш деген даңгыр жолго жаңы гана түшкөндөй болушту. Ырыс алды ынтымак дегендей экөөнү эми бир гана ынтымак менен жашоо күтүп турду. Күндөр өтүп Назгүл дагы кыз төрөдү, үч баланын ата-энеси болду. Булардын мындай бактысы Гүланданын ичин ого бетер өрттөп, жүрөгүн оорутту. Шаарга барып көзү ачыктарды издеди, акыры бир лөлүнү таап ага сураган акчасын берип үйбүлөнү бузуп жамандык алып келе турган кылып жасатып түндөп такси менен айылга келди, Ашымдын үйүнүн жанына түн бир оокумда токтотуп дарбазасынын түбүнө көмүп, ала келген мүрзөнүн топурагын ичкери карай чачып ийди да кайра шаарга жөнөдү, жолдо келе жатып Батмакандын айткандарын эстеп, көздөрүнөн ызанын жашы куюлуп, жүрөгү ачышып кетип жатты… Ошол күнү Батмакан менен Ашым келгенде Гүланда жаңы ойгонгон, апасы сыртта жүргөн.

- Сайкал жакшысыңбы? - деди Батмакан токтоо учурашып.

- Кел-кел Батмакан, кайдан бу таң атпай?

- Келе турган иш болуп калды, азыркы жаштар илгерки экөөбүздөй эмес экен да, Гүланда үйдөбү?

- Ботом, тынччылыкпы деги?

- Жайчылык болсо таң атпай сенин эшигиңде турат белем?

- Киргиле үйгө, - Сайкал саал чыйрыга сүйлөп ичкери карай колун жаңсады, - Киргиле.

- Ооба, эшиктен айтканга ансыз дагы болбойт, - Батмакан шайдоот басып босогодон аттай бергенде Гүланда менен беттеше түштү, - Аа-а айланайын, түрүңө караганда акыл карачачтай акыл-эстүүдөй эле көрүнөсүң, мындай караганда чириген алмадай көңдөй белемсиң?

- Батмакан ал эмне дегениң, менин кызым эмне кылды? - Сайкал ага ачуусу келе кайрылганда Гүланда.

- Апа киришпеңиз, менин ишим, - деди, - Сизди угуп жатам? - деди кашкая бөйрөгүн таянып тике карады.

- Мына, Ашымды баласы менен алып келдим, аялын кетирген соң төрөгөнүңчө булар сени менен болот, төрөсөң баланы текшертип туруп анан көрөбүз, кокус боюңда бары жалган болсо, же бала Ашымдыкы болбосо сени сотко мен берем, анткени сенин телефондогу жазгандарыңды сактатып койдум, баласы менен кардын ачырбай, кийимин кирдетпей карайсың! - деди Батмакан.

- Гүланда, деги эмне болуп жатат, түшүндүрчү мага, - деп Сайкал кызына карады.

Менин боюмда жок, балаңызды сүйөм!

- Сүйбөй сүмүрөн кал! - Сайкал ачуулуу кызын жаакка чаап жиберди.

- Жаш, сулуу келинсиң, үйбүлөлүүнү бузбай башканы таппайсыңбы балам, - деди Батмакан жумшара, - Келиндин телефонуна жаза берипсиң аның адамчылык эмес, калп айтып эркекти өзүңө чакырып жолдо калгандай эмессиң го? - деп Батмакан келинди тике карап кекете сүйлөдү, - Ашымды сүйсөң үйүңө киргизип беремин, эки баласын кошо багасың, эгерде балдарга өгөйлүк кылып биринин зээнин кейитсең менден жакшылык күтпө, анан ошол ортодо Назгүл биз менен жашайт, үйгө барып кызмат кыласың, эркек төрөп берсең экинчи аял болууга макул болосуң, Назгүл төрөсө дагы сен багасың, ушуларга макулсуңбу?

- Жок, мен андай кордукка чыдай албайм.

- Андай болсо Ашымдын атын атоочу болбо!

- Сиз мени түшүнсөңүз…

- Мен түшүнбөйм, сен Ашымды сүйбөйсүң, белен оокатка гана эгедер болгуң бар, мен айтканга көнбөсөң экинчи үйгө чалып тынчыбызды алба, - деди да уулун карады, - Кана, ушул аялдын сага түбөлүк күйүмдүү аял болуп берээрине ишенесиңби?

- Апа, мен буга убада берген эмесмин, өзү эле чала берет.

- Калп, сен өзүң аялымды кетирем дебедиң беле?

- Жалган айтпа, акыркы чакырганыңда экинчи чалба дебедим беле?

- Жетишет! - деди ошондо Сайкал, - Балаңды ал да жолуңа түш Батмакан, тар жол тайгак кечүүдө жолугат деген ушул экен да, мен да энемин, мынчалык кордогонуңарга жол бербейм кызымды, менин көзүмдүн тирүүсүндө сенин балаңа көз каранды болбойт!

- Тилиң тишиңе күбө, мен эле ушул үйгө балдарымды таштай койбойм, эгерде кызыңа алың жетсе тарбиялап алаарсың! - деди да Батмакан эшикке карай жөнөдү. Ашым баласын көтөрүп апасынын артынан жөнөдү, Гүланда бүк түшө бакырып ыйлап кирди… Ушуларды эстеген Гүланда шаарга таң ата келди, уктабай тынчсызданып жаткан Сайкал эшикти ачты:

- Кайда жүрөсүң ыя?

- Жумуш менен…

- Түндөп бүтүрчү кандай жумуш экен?

- Койчу апа, мен эми секелек кыз эмесмин, өзүмдү-өзүм билем!

- Ыя, сен ушинте турган болдуңбу? - Сайкал зыңгырай сай сөөгү сыздап артына бурулуп жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Гүланда азыр эч нерседен кайра тартпаган зулумга айлангандай көз алдында Батмакан менен Ашым көрүнүп туруп алды. Апасынын жанына төшөгүн салып жатып алып дагы өзү жүргөн эркектерди көз алдынан өткөрүп жатты. Жалынып-жалбарган Эрик үйлөнөм сага деген бойдон дайынын билдирбей кетти, телефону болсо "өчүрүлгөн", - деп какшап жооп бербейт. Шабдан деген бойдок неме менен дагы жүрдү, бирок ал бир дагы жолу алам, же сүйөм деген жок, жеңил ойлуу аял катары кабыл алып түнөп кана убактылуу моокум кандырганы келип жүргөнүнө ичинен ызасы кайнап Ашымдын айткан сөздөрүнө таянып алган эле. Көрсө Ашым гана аны сүйөм, сени менен калам деп төшөк үстүндө далай жолу убада берген эркек экен. Ушуларды ойлонуп ызаланды: "Өлүп кетсин, мен дагы бир үйдүн ээси, бир эркектин жубайы, баланын энеси болууга акым бар, неге өз бактым үчүн күрөшө албайм, эгерде ушул баш үйрүтмө чын болсо Ашым мени издеп келет, болбосо өлөт, ага да мага да жок болсун", - деп ойлоп өзүнүн кылган ишине ыраазы боло көзүн жумду…

Кадыржандын эки ата өтүшкөн тууганы Садыржан деген боло турган, ал өмүр бою шаарда жашап картайып пенсияга чыкканда айылдан там сатып алып көчүп келди. Туугандары чогулуп өрлүктөшүп, үйүнө той берип өзү чакырып балдарынын баарын туугандарына тааныштырып жатты, анын эки уулу, эки кызы бар, баары үйлүү жайлуу, бир баласы аялы менен ажырашып бой жүргөн. Садыржан иниси Кадыржанга келип:

- Каке, Нурмат үйлөнөм дейт, шаардан бир келинди жактырып калдым деп телефон чалды, эки-үч күндө келип калат, эртең туугандарды топтоп кеңешели, - деди бир күнү, бул арада ортодон бир жыл өтүп Назгүл үчүнчү кызын төрөп торолуп калган кез.

- Жакшы болот, баш кошулган жакшы эмей, кеңешсе кеңешели.

- Колдо жок эмес, айылдын салтын жакшы билбейбиз, эчен жылдап шаарда жашап орус болуп калдык, ырым-жырымды бизге силер айткыла, балам жактырган келиндин төркүнүн жакшылап тосо турган бололу.

- Ананчы иним, кабатыр болбо, айылда деле бары бардай, жогу жоктой келин алып кыз бермей, ар ким алына жараша, бары каалагандай өзүн көрсөткүсү келип чачканы бар, - деп Кадыржан инисине билгенин түшүндүрдү да анан:

- Келин кай жактан экен? - деди. Экөө жашташ эле, бир аз гана болбосо.

- Айтпады, мен дагы сурабапмын, кудай уруп.

- Аа-а мейли, кайдан болсо болсун, ыймандуу болсун да.

- Ооба-ооба, ыймандуу эле болсо болду, - деп ага-инилер эки жакка бөлүнүштү. Эртеси бир кой союп Садыржан туугандарын чакырды, кеңешишти, көпкө ары тартып, бери тартып келин келгенде төркүнү кандай жерден экенин билип ошого жараша кылмак болуп токтошту. Садыржандын аялы Майрамкүл оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, ушак айың менен иши жок толук келген, кезинде сулуу болгону байкалып турган балпайган аял, казан аштуу, колу ачык берешен, бирок көөнүнө жакпаганга бир кылчайып мамиле жасабаган неме. Келгенден Батмаканга жакын, сүйлөгөн сөзүнүн көбү орус аралашып кээде кечирим сурап калат. Боорсок жасап, эркектер отун жарып конок күтүүгө кызуу даярдык көрүлүп, келиндер дасторкон жасап бака-шака. Нурмат телефон чалып: "Бир саатта барып калабыз, дароо эле свадьба өткөрөбүз папа, биз даярданып алдык", - дегенинен боорсокту көп жасатып, кафени сураштырып жатышты. Дандырга нан жаптырып жардам берген эл көп, келинге жоолугун даярдап, чачыла белендеп Майрамкүл өзүнчө элеп-желеп.

Ананчы, башыңа баш кошулуп, балдарың өз түгөйүн таап бактылуу болуп турса ата-энеге андан өткөн бакыт барбы? Садыржан менен Майрамкүл дагы биринчи аялы менен ажырашып кетип көптөн бери бой жүргөн баласы үчүн көп кабатырланчу, эми ал үйлөнөм дегенде кубанып жатышпайбы. Кечке маал эки-үч машина менен сигналды катуу басып дарбазанын түбүнө токтогон машинага күтүп тургандардын бири барып эшик ачты эле зуу этип машина эшиктин алдына келип токтоду. Сыртка токтогондор Нурматтын достору, классташтары жабыла киришти. Аңгыча апаппак той көйнөгү менен машинадан келинди Нурмат колунан ала түшүргөндө элдин баары бир демге унчукпай туруп калышты. Айрыкча Майрамкүлдүн жанында чачыла салган табакты кармап турган, Батмакандын колунан табак түшүп кете жаздап барып токтоду. Себеби алып келген келин Гүланда болуп жатпайбы?

- Ай жеңе, чачыланы чачпайсыңбы? - деп Майрамкүл айтканда баарын сезип турган келини Таалай ала коюп чачыланы чачып кирди, аялдар аны эмес үй ээлерин сыйлап үйгө алып киришти.

- Жоолукту салгыла келинге, Майрамкүл өзүң сал келинге, - деди карыган кемпир ошол Саруу уруусунун аксакал карысы.

- Ооба апа, өзүм салайын, - Майрамкүл сыйлуу чоң жоолукту Гүланданын башына салып бетинен өптү, - Бакты-таалайлуу, ак жолтой келин бол садага, Гүланда ага ийиле жүгүнүп калды, - Кудай жалгасын айланайын, эми апаңдардын баарына жүгүнө гой.

- Ак жалгасын, бактылуу болгула.

- Алганың менен тең кары.

- Ылайым келген жериңен агарып көгөр балам, - дешип алкап жатышты, Батмакан неберем ыйлап жатыптыр деп үйүнө кетип калды, ал Назгүлгө айтсамбы же айтпай эле койсомбу деп ойлонуп акыры айтууну чечти.

- Келген келинибиз баягы шерменде экен, көргүм келбей баса бердим, Майрамкүлдүн көңүлү үчүн бир жоолук салып коеюн эми.

- Ал кайдан таап алыптыр?

- Ким билет балам, нике кайып деген ушул да.

- Мейли эми жашай берсин апа, - деген Назгүл аны бир көргүсү келди, бирок жаш баласы менен бара албайт эле, дароо Ашымдын ошол жерде экенин билгендиктен кызганыч бийлеп кетти: "Ашым көрдү бекен, агасы болсо эми жоломок беле, анын үстүнө шаарга кетишет чыгаар", - деп ойлоп өзүн-өзү тынчтандырды. Ашым кемеге жакта жүргөн, ага Темирбек деген иниси Бек келип:

- Ашым аке, баягы Гүланда экен го келинибиз, - деди эле ал ыргып кетти.

- Койчу, ошол бекен?

- Ооба, тим эле аппак той көйнөктү кийгизип кыздай кылып алып келди го жаңы тууган.

- Мейли, алса алды да, - Ашым кайдыгер боло отту карап отуруп калды:

- Ичиңиз ачышкан жокпу?

- Эй бок мурун, сага тамашаны ким койду?

- Деги да, силер жөнүндө баары эле билишет, кокус Нурмат аке аны укса кетирип ийээр бекен ыя?

- Эмне деп эле былжырап жатасың, эл айтса да сен оозуңду жаап калчы!

- Ак чөп башта аке, кечирип кой, - деп Бек ары басып кетти, Бек деле үйлөнгөн, Ашымдан төрт-беш жашка кичүү. Ошентип элдин ичи күбүр-шыбыр болуп Гүланда дагы өзүн ыңгайсыз сезип жаман абалда болду. Ал машинадан түшүп жатканда эле негедир көзүнө табак көтөрүп турган Батмакан көзүнө урунуп жүрөгү шуу дей түшүп, муундарын калтырак басып кеткен болчу. Батмакан үйүнөн кайра келип: "Таздын көөнү болбосо кыздын көөнү", - дегендей кайниси менен абысыны үчүн бетинен өбүмүш боло жоолук салып жатып: "Тынч жүрбөсөң абийириңди төгүп коем, бир жерден гүлүң додо болбой калат", - деп шыбырай бери карады.

- Келин-уулуң бактылуу болсун Майрамкүл, мына туулган жердин топурагы алтын дегендей тууган-урукка келип башыңарга баш кошулду.

- Рахмат жеңе, айтканыңар келсин, слава бога, - дегенде баары күлүп калышты.

- Ай орус келин, эми минтип орусча кошуп сүйлөгөнүңдү токтотпосоң, жаңы келген келиндер орус жеңе деп тергеп жүрбөсүн?

- Ооба десең, эки сөзүңдүн бири орусча, түшүнбөй да калабыз сөзүңө, же сөгүп жатканыңды же жакшы айтып жатканыңды билбейм, - деди жетимиштердеги кары Суксур.

- Кечириңиздер, мен ошондой көнүп калгамын, аракет кылам.

- Ошент ботом, балдарың такыр эле орусча сүйлөйт экен.

- Да-да, вес такие, биз күнөөлүүбүз.

- Ой кокуй күн, - деп Суксур кейип калды.

- Сизди эшикке чакырып жатат, - деп бири Майрамкүлдү эшикке чакырып кетти. Батмакан отургусу келбей чыгып кетти. Гүланда боп-боз болуп отуруп калды: "Кайдан дагы Нурматка жолуктум эле, буларга тууган экенин билбей калбадымбы, эртерээк эле шаарга кетип калсак экен", - деп өзүнчө жаман абалда болуп отурганда Майрамкүл кирип.

- Балам, эми төркүн төзүңдүн жай-жообун айтсаң, кабарлап коелу, - деди Гүландага жылмая карап.

- Менин сиңдим шаарда, бул айылда Курманбек деген тайкем бар, атамдын жакын иниси Шамшыбек, - деди Гүланда акырын.

- Жанагы кутунай Курманбекпи?

- Ооба.

- Иий, мейли анда, киши жөнөтөлү, - деп Майрамкүл сыртка кайра чыкты. Курманбек аттуу-баштуу, колунда бар, бала-чакасынын баары кызматта иштеген алтымыш бештердеги адам, айылда кадыр-барктуу карылардан. Садыржан, Кадыржан дегенди угуп эле аялына.

- Камын, эжемди деле алып алалы, өлөөрү калды өсөөрү калган жок, ушу эки кызынын сыйын көрсүн, - деди.

- Макул, - деди Разия.

Гүланданы Шамшыбек аялы менен Курманбек аялы менен Гүлсана болуп кууп келишти, Сайкал келбеди, жол-жосуну менен барам деп. Садыржандар абдан жакшы сыйлап алдына акча коюп, кийиттин адемисин кийгизип узатышты, келин экен деп басынткан жок, Нурмат аны чындап сүйүп калган эле. Бир жумадан кийин чоң той беришти да шаарга жөнөп кетишти, анткени Нурмат бир фирмада иштечү, өзүнүн үйү бар. Гүланда бактылуу болуп жашап калды, бирок жүрөк түпкүрүндө өзү жасаткан дубаны көп ойлонот, жасатып аны үйүнө таштаганына өкүнөт, айрыкча өзүнүн айылдагы кылыгы кайната-кайненесине жетпесе экен деп ичтен коркот. Ээн, чоң үйдө жалгыз калып күйөөсү кечинде келет, келгенде экөө кыса кусакташып көпкө турушат да Нурмат келинчегине:

- Бактылуусуңбу Гүланда? - деген суроо узатат.

- Аябай бактылуумун, а сенчи? - Наздуу жылмая жооп күтөт келин.

- Бактылуумун, дүйнөдө эң бактылуу ким десе "мен" деп жооп бермекмин.

- Ыраспы?

- Чын сөзүм, жүрү тамактанып келели, кай жакка баргың келет?

- Сен каалаган жакка.

- Сен айтчы.

- Жо-ок, өзүң танда.

- Анда кеттик, - деген Нурмат Гүланданы колтуктай эшикке чыгып машинасына отургузуп алып анан зуулдата айдап жөнөйт: "Мен эмнеге Ашымга жармаштым экен, эркектиги эле болбосо бир пайдасы тийген жок, кокус ага тийгенимде ушундай күндү көрөт белем, карала-торала болуп казан кармап жүрүп өтмөкмүн, кудайга шүгүр, пешенеме Нурматты жазып койгон экен", - деп ойлонуп келе жатты ал. Ошентип бактылуу болуп жүргөндө апасы менен Гүлсана, күйөөсү Азамат болуп келип калышты. Нурмат аларды аябай сыйлады, эртеси Гүлсаналар кетип Сайкал калып калды, Нурмат жумушка кеткенде:

- Эми эсиң менен бол кызым, дал душмандарыңдын чордонуна бардың, адам деген кээде азуулуу карышкырдай тиш кайраган көк жал, кээде кой оозунан чөп албаган момун болуп кетет, жаза басып бактыңды тайытып алба, мен дагы картайдым, бүгүн бар болсом эртең жокмун, Гүлсана экөөңөрдөн көөнүм тынып кетсем арманым жок, - деди кызына акыл-насаатын айтып.

- Апа, кабатыр болбо, жаштыгымбы же жамандыгымбы, бир каталык кетирдим, эми андай болбойт, - деп апасын чоп эттире өөп койду Гүланда.

- Ошент кагылайын, Гүлсанага бел бол, бири-бириңе өбөк-жөлөк болуп жүргүлө, эми кудай берип төрөп алсаң болот эле, Гүлсана болсо эки балалуу болуп калды, Азамат жакшы жигит кагылайын, - деп Сайкал ойлуу отуруп калды.

- Нурматчы апа?

- Эми ал сындан өтө элек.

- Эмнеге, эмдигиче сыныңыздан өтпөсө жакпаганыбы?

- Жо-ок балам, андай эме-ес, Нурматтын да өзүнчө адамдык сапаты бар экен, ар бир адамдын жаратылышы ар башка эмеспи.

- Иий да, - деп койду Гүланда, - Апа, үйдө жалгыз жүрбөй биерде эле жүрө бербейсиңби?

- Ээ кызым, кыздын төрүндө отурганча Курманбегимдин улагасында эле болом, силер сый болгула кызым, төрүмдөн көрүм жуук калганда күйөө балага кеп болмок белем, бир аз күн жүрүп сыйыңарды көрөйүн, анан кудай деп айылга кетем, баса тигил үйдү Курманбектин бир баласына берип жатам, силер эми айылга кайдан бармак элеңер, барсаңар дагы кайын журтуңарга барасыңар.

- Бере бер апа, ал үй каралбай калганча киши жашаганы жакшы эмеспи, бирок мебелдерди өзүбүз алып алалы ээ апа?

- Ооба, алчуңарды алгыла, - деди Сайкал оор үшкүрүнө, - Убакыт дегениң суудай ала салып бирде ташка урунса, бирде айлампага тегеренип аккандай өтө берет экен, кечээ эле жаш кыз элем, чачты бубак басты, жүзүмдү бырыш тордоду, силер деп жүрүп өмүрүмдүн кантип өткөнүн элебей да калдым…

- Апа, апаке кайгырбачы, - Гүланда кучактап ыйлап ийди.

- Кайгырганда-кайгырбаганда неси калды балам, силердин амандыгыңар, Курманбегимдин амандыгы менин чоң бактым, - деп кызын эркелете өөп койду, - Кой берекем ыйлаба. Эне-бала сүйлөшүп эрмектешип оңуп калды, күндүз видик көрүп жалгыз зеригип жүргөн Гүланда апасын кетиргиси келбейт. Бир күнү кечинде Нурмат кайненеси экөөнү салып алып кафеден тамактанып келишти. Сайкал барбайм десе болгон жок, алкап батасын берип ыраазы болду. Гүлсана келип апасын алып кетмек болду эле Нурмат.

- Апам биерде эле боло берсин, Гүланда жалгыз зеригет, - деди.

- Өзү билсин жезде, эжем экөөңөр улуусуңар, мен сөз талаша албайм.

- Баракелде балдызым, эми туура болду, бизде көп бүлөө жок өзүңөр билесиңер.

- Ооба-ооба.

- Балам, - деди Сайкал, - Менин кеткеним оң, бир аз күн жүрсө жүрөйүн, бирок кетишим керек, силер бактылуу болсоңор менин көөнүм жай болот.

- Макул апа, өзүңүз билиңиз, - Нурмат эч нерсе дей албады, күүгүм талаш Майрамкүл менен Батмакан Ашымды алып кирип келишти. Сайкал үндөбөдү, Ашымдын өңү кумсарып катуу ооруганы билинип турду.

- Эмне болду Ашым, тап жокпу? - деди Нурмат.

- Ооба, ооруп жатам, - Гүланданы бир чолуп өттү: "Ушунун колунан келди бекен, андай болсо ачык сүйлөшүш керек", - деген ой кетти ага.

- Көзү ачык табыпка алып келдик, үйгө мүрзөнүн топурагын окутуп чачкан имиш, - деп Батмакан дагы Гүланданы көзү менен ата сүйлөдү.

- Ким андай кылышы мүмкүн?

- Таң, кокус билсем го… - Батмакан кыжына сүйлөдү, - Эмнеси болсо дагы балам сакайып кетсе болду, билип калсам да ошондой кылып өзүнө жасатат элем, үмүтү үзүлгөн өлүгүңдү көрөйүн го.

- Батмакан, - деди Сайкал, - Сен токтоо эле аял элең, аял карыганда көп сүйлөйт дегендей, сен дагы карый баштасаң керек, мында кудайга койдум деп гана балаңдын өмүрүн тиле.

- Ачуу келсе сүйлөбөй не кылам, жаш болсо, үч баласы турат, догдурга көрсөтпөгүлө, дубасы катуу деди, анан кантип ачууланбайсың?

- Кудай дегиле, кудайсыз кумурсканын буту сынбайт деген го, ошо жасаткан пендени да кудай жараткан, алладан шыпаа сурагыла, андан улук эчтеке жок.

- Ооба кудагый, - Майрамкүл сөзгө аралашты, - Сиздин айтканыңыз туура дечи, бирок эненин жүрөгү бала үчүн күйүп турган отко түшөт эмеспи, соо туруп эле ооруган жери жок өңдөн азып баратса, - Алар антип сүйлөшүп жатканда Гүланда абийири ачылып калчудай болуп кайсактап ашканага кирип-чыгып, чай алып келип, тамак жасап жаман абалда болуп жатты.

- Эненин сырын билем го, ошондо дагы тобо деп, кудайдан жардам сураганыңар оң, кудай сактасын, жакшы болуп кеткиси бардыр, - деди Сайкал. Батмакан сыртка чыгымыш болуп ашканага баш бакты, аны көрүп Гүланданын жүрөгү зырп этип кетти, Батмакан ага жакын келип:

- Сыйың менен жандырбасаң сени Нурмат менен жашатпайм, - деди акырын.

- Мен эчтеке кылган жокмун.

- Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болбо, кокус уулум бирдеме болсо сени өзүм өлтүрөм, - деди да чыгып кетти.

- Кудай ай! - деп ийди Гүланда, эмне кылаарын билбей отургучта отурганда Нурмат кирди:

- Жаны чарчадыңбы, апамдар келип калыптыр капаланба.

- Жок-жок, неге капа болмок элем, үйгө киши келгени жакшы эмеспи.

- Эмнеге өңүң башкача болуп кетти?

- Эч нерсе болгон жок, - Гүланда билинээр-билинбес калтыраган колдорун байкатпай халатынын чөнтөгүнө салды.

- Мейли, өңүң түктөйүп кетиптир, эмнеси болсо дагы ооруп калба, - деп Нурмат келинчегин кучактап өөп коюп анан ары басты, - Тамагың бышайын дедиби, жол келген немелер чарчады го, эс алышсын, Ашымга жаман болуптур, кыргызчылыкка дегеле ишенбейм, дуба деген жөн эле бир эски түшүнүк да.

- Ким билет?

- Иши кылса мен ишенбейм, сен тамагың бышкыча апамдардын жанына кирип отура бер, мен сыртка муздак сууга жуунуп келейинчи.

- Мейли, мен суу куюп берейинби?

- Кереги жок, умывальник бар го, - деди да сыртка карай чыгып кетти. Гүланда ойлуу отуруп калды. Бир аздан кийин чогуу тамактанып отурганда Батмакан Гүландага кайрылды.

- Гүланда, сен шаардагы жакшы көзү ачыктарды билесиңби? - дегенде ал оозуна жаңы салган тамагына чакап кетти.

- Жок-жок.

- Ой жеңе, гезит алабыз дагы оңой табабыз, - Майрамкүл күлүп калды.

- Эми кайсынысы так билээрин билбейбиз да.

- Кудай кулум десе айыкпас оору болбойт, - деди Сайкал.

- Оозуңарда бардыр, - деп Гүланданы Батмакан дагы бир каарый карап көзү менен тиктеп өттү, ан сайын ичкени ирим, жегени желим болуп тамак өтпөй туруп кетти. Орун салып бергенден кийин дагы ойлонуп жатып калганда жанына келип жаткан Нурмат кыса кучактап бүт денесин өөп кирди, Гүланда ушул убакта Ашым менен жаткан түндөрүн көз алдына келтире жаны жыргай бардык санаасы унутула рахаттуу түндүн кучагына кирди. Ашымды Нурмат машинасына салып алды да бир дарек боюнча барып кезекке туруп күтүп калышты. Кезеги келип ичкери киргенде эле:

- Ай-ай балам ай, кийинкиңерди ойлобой каталыкты кетирип алып кеч кайрыласыңар, мунун дубасы денесине сиңип бараткан тура, - деди.

- Айланайын кызым, - Батмакан өзүнөн бир аз эле жашыраак аялды кызым деп кайрылды, - Дабасы кандай болот айланайын?

- Шашпаңыз, ал аял же мага келет, же өлөт деп жасатыптыр, бирок тили буруу неме жасаган, даана көрө албай жатам, - деди да көзүн жумуп алып, теспесин айлантып, оозун кыбаратып он-он беш мүнөттөй отурду да, - Менин алым жетпейт, катуу окуптур, муну кашпир окуусун билген адам окуган, - деди башын чайкап.

- Кайда барабыз кызым, өзүң аракет кылып көр, эчтекемди аянбайм, баламдын башы аман болсо болду, - Батмакан ыйлап ийди.

- Эже, мен алым жеткенди өзүм эле айтам, жасаткан аял өзүңөрдүн эле айланаңарда экен, дубанын касиети эч кайда тарай электе басып алган экен, башкаларга залакасы тийбейт.

- Эң башкысы уулум сакайып кетсе болду, сураганыңды берем, - деп Батмакан тызылдап жатты. Бирок ал болбоду, анан эң кыйын дегенге жөнөттү, ал кечке маал бошоп намаз окуп жаткан экен.

- Балам ай, эртерээк келгенде эмне, дуба сөөккө жетип кеткен экен, бирок аракет кылып үч күн дем салып берем, андан кийинкиси кудайдан, - деди да дем сала баштады, жарым сааттай дем салгандан кийин, - Эми сен бир сыйра кийимиңди бей-бечарага чечип бер, - деди.

- Сакайып кетээр бекен айланайын? - деп Батмакан үмүттүү карап жооп күтүп калды.

- Үч күн жакшы дем салам, ошондо айтам, - деди табып.

- Эртең канчада келели балам?

- Каалаган учурда келе бергиле, иншаалла, - деп койду табып. Батмакан менен Ашым аерден чыккан соң.

- Апа, Нурматтыкына барбай эле коелучу, - деди.

- Анан кайда барабыз балам, таанышыбыз да жок.

- Ошолордукуна баргым келбейт, убактылуу батир жалдайлы.

- Мейли балам, төшөнчү орун да керек го?

- Апа, менчик мейманканалар бар деп уккам, сураштырып табабыз, - деп Ашым үңкүйө алдыга басты.

- Балам ай, кантейин эми, шыпаа болуп кетсе эле болду, - Батмакан кейий анын артынан келе жатты, Нурмат жеткирип коюп жумушуна кеткен.

- Кейибечи апа, болсо болоор болбосо…

- Ботом түңүлбөй кое турчу, кудай кулум десе оорунун сакайышы кеп эмес. Батмакан ушинкени менен баласынын сөзү жүрөгүн көзөп өтүп сай-сөөгү сыздап кетти: "Жараткан ай, бул эмне деген кордугуң, баламдын көзүн жалдыратып ооруганын көзүмө көрсөтпөй эбак өзүмдү алсаң эмне, ушунусун көрбөсөм болот эле, өзүң шыпаасын берип уулумду сакайтып бере гөр, жамандыгын көрсөтпө", - деп ойлоп маршрутканын аялдамасына келишти.

- Апа, үйгө эле кете бербейлиби? - деди Ашым чекесин тырыштыра.

- Эмнеге ботом?

- Молдо айылда деле бар, дем салдыра берем да, - деп баарынан түңүлгөндөй түр көрсөттү Ашым, анткени түшүнө арбактар кирип көзү илинсе эле чоочуп ойгонуп уйкусу тынч болбой калган: "Ушундан көрө балдарымдын маңдайында болоюн, Назиден өлөөр өлгөнчө кечирим сурайын, мени ким дубаласа да өз күнөөсүнүн жазасын тартаар, мен Назгүлдүн алдында айыптуумун", - деп ойлогон эле.

- Кой балам, алар молдо, бу көзү ачыктай болуп жакшы билбейт, үч күн чыдап жакшы сөзүн угуп, жаса дегенин жасайлы, өзүм билемдигиңди кылбай кепке көн балам.

- Окуганда эмне… - деп Ашым: "Сөөккө жетип калыптыр, үч дем салгандан кийин айтам", - деген молдонун сөзүн эстеп: "Болбойт, колумдан келбейт дегенди укканча үйдө болгонум жакшы", - деп айтайын деп апасын аяды.

- Кой балам, кудайым шыпаасын берсе бул кыйналганың күнчүлүк сезилбей калат, сенин амандыгың баарыбызга керек, Нурматка эле чалалы балам, эки күн жатат экенбиз, Майрамкүл дагы жаман ойлонуп калбасын, - деп Ашымга кайрылды, - Чала гой секетиң кетейин, - деп карап туруп баласынын бет сөөктөрү билинбей эле оркоюп, жаагы кирип, көздөрү чүңүрөйгөнүн көрүп жүрөгү канап турду. Ашым аргасыз телефон чалды эле Нурмат бир аздан кийин барам, жылбай тургула дегенде аялдаманын отургучуна отуруп калышты. Бир аздан кийин Нурмат келип калды.

- Эмне деди? - Нурмат келип эле ушул суроону бергенде Батмакан уулун карады.

- Баары бир сүйлөйт экен, кыскасы кудай эмес да аке, дем салып берди, - деп Ашым үңкүйө жооп берди.

- Ошондон көрө жакшы-жакшы врачтарга көрсөтсөк болбойбу жеңе?

- Кой балам, доктуруң кыргыздын ырым-жырымын билбейт, кудайым шыпаасын берсе бир күнчөлүк билинбей калат балам.

- Ошондой эле болсун, бирок ушу ырым-жырымга ишенбейм.

- Антпе айланайын, ата-бабабыз ырым-жырым менен эле жашап келген, доктур кечээ эле чыкпадыбы, илгери көп оору болчу эмес, эки кана оору болот эле, ысык анан суук деген, эми эле оорунун түрү көп, дегеле түшүнбөйм, - деп Батмакан өз сөзүнө ыраазы боло, ырым-жырымга ишенгенин далилдей карады.

- Мейли, өзүңүздөр билиңиздер, - деп Нурмат дарбазанын жанына токтоду, - Келип калдык.

- Ботом, шаарыңды билбесе жаман тура, бат эле жетип калдык го? - Батмакан шыпшына сүйлөдү, - Бул үйдү өзүң алгансыңбы?

- Жок, атамдар менен ушул үйдө чоңойдук, кийин муну менин энчиме берип кетишкен, анткени мен айылга баргым келген жок, атам эле картайдым, эл-журтумда болоюн деп болбой койду.

- Анысы туура эмей, картайганда тууган-уруктун маңдайында болгону жакшы да, ырас эле болбодубу ботом, кийинки балдар тааныбай да калмак, эми минтип силер дагы таанышып алдыңар, Нурак айылда жашаса барып турасыңар.

- Ооба, атам дагы ошентип жатат, - деп ичкериге киргизди. - Гүланда, чай-пай даярда, жеңемдер келишти, курсактары ачты го, - деди бакылдай.

- Кой балам, шаштырба келинди, анча-мынчаны өзүм деле жасай коем, азыр алдан күчтөн тая элекмин, ашканага кирсем өзүм эле кайнатып ичем, - дегенде Нурмат каткырып жиберди.

- Койсоңузчу, өзүңүзгө жасатып коюп биз карап туралыбы?

- Эчтеке болбойт, келинди убара кылбайын дегеним да.

- Анда сиз келинге абдан жакшы болсоңуз керек?

- Айтпа, келинимди кызымдай эле көрөм, өзүмдүн үч уулум бар, кызым жок, эми үч уулум, үч кызым бар садага, - деп Гүланданы уксун деп бакылдай сүйлөп жатты, - Келиндерим дагы өзүмө ылайык, оюмдагыдай болду.

- Жакшы экен, өзүңүз дагы жакшы киши турбайсызбы, бирок Кадыржан акемди айтпай сизди мактаганда болбой калат го, эркектин камчысы күчтүү болсо аял ийкемдүү болот деп коет го? - деп Нурмат тамашалаша кетти.

- Анысы бар, акең абдан жакшы киши, кырк жылдап жашадык, бир ооз дагы жаман сөзүн укпадым, - деп башын ийкегилей шыпшына айтып жылмайып алды. Гүланда эмне кылып жатканын билбей калтырап-титиреп чай коюп, тамак жасаган болуп ашканада баарын угуп жатты: "Кайдан дагы кабылдым эле, мени санаадан өлтүрөт бул катын, бекер кылган экенмин, эми Ашым өлүп калсачы, кудайым ай, бакыттын кеч келээрин билбей турмушума нааразы болуп жаңылган экенмин да, чыдамымдын кеткенин кара, эми минтип бактым ачылды дегенде булар мени кыжаалат кылып ичкенимди аш кылбай санаадан өлөмбү", - деп ойлонуп жатты. Батмаканды көргөндө эле жүрөгү зырп этип муундары калтырап кетчү болду: "Баягы лөлүнө таап жандырып бер десемчи, ошондо тынч алат белем", - деп өзүнчө ойго чөмүлүп отурганда Нурмат.

- Гүланда, жеңемдерге жакшылап тамак бер, мен кеттим, - деп босогодон баш бага айтты да чыгып кетти.

- Макул, - деген бойдон нес болуп калды.

- Тамакты өзүм жасайм, сен балам экөөбүзгө дагы бир балээни берип коюшуң мүмкүн, - деп колунан кашыкты жулуп алды, - Сенин гана кылганың, болбосо биздин өчөшкөн өчүбүз, кекенген кегибиз өткөн адам жок, сен жасаттың бейбак!

- Менде күнөө жок, мени түшүнүңүзчү.

- Түшүнүңүзчү деп койгонун кара, өзүнөн башканын баары түшүнбөгөн келесоо экен да.

- Андай дегеним жок.

- Анда менин кашымдан жогол, сени көрөйүн деген көзүм жок! - дегенде Гүланда башын жерге сала ашканадан чыгып баратканда алдынан Майрамкүл чыкты.

- Жеңемдер келиштиби?

- Ооба.

- Сага эмне болду Гүланда? - деп Майрамкүл келининин маанайы чөгүңкү экенин көрүп таңгала ашканага карай басканда Батмакан чыга калды.

- Ашканада эмне кылып жүрөсүң жеңе?

- Муздак суу ичким келди, кезек күтүп отуруп суусап каным катып кетти.

- Гүландага айтсаң алып келип берет эле го?

- Келинди убара кылгым келбеди, - деп Гүланданы көзүн акшыйта карап коюп ички бөлмөгө кирип кетти, Майрамкүл эч нерсени байкаган да сезген да жок. Экөө сүйлөшүп отурушту, Ашым эч ким менен сүйлөшпөй жатып алган.

- Кайда барып келдиң, биз келсек жок экенсиң.

- Ээ жеңе, ушул шаарда канча жыл жашадык, жаштыгыбыз менен жакшы күндөрүбүз калды бул шаарда, курбуларым бар, тели-теңтуштарыбыз бар, бүгүн бирине жолугуп келдим, тим эле сагынышып калыптырбыз, сүйлөшүп сөзгө тойбодук, - деп Майрамкүл кубана сүйлөп жатты.

- Ооба-ооба, теңтуш деген жакшы эмей, минтип картайганда алардын дагы катары суюлуп калат экен, эмне деген гана курбу-курдаштар бар эле го-о, - Батмакан шыпшына башын ийкеңдетип койду.

- Садыржан иштеп жүргөндө ушул үй толуп тураар эле, тең-туштарыбыз балдардын, биздин туулган күнүбүздө келип калышчу, бапырап турчу элек, кызмат деген жакшы тура, кошоматчысы андан көп, күндө эшигибизде кой-козу байланып тураар эле, үйгө сары майды карындап, чаначта кымыз менен этти айтпа.

- Айтпа, эмнеси болсо дагы ишинин өтөлгөсүн көрүп, ыракатын таттыңар айланайын, кут болсун, - деди Батмакан.

- Кудайдан көзү түз экен жеңе, жаман жашаган жокпуз, Садыржан жетим бала эле, минтип жетилди, менин төркүндөрүм аябай көтөрдү, өзү дагы адамгерчиликтүү эмеспи, кийин кайра төркүндөрүмдүн балдарынын баарын окутту. Аңгыча Гүланда дасторкон жайып чайын алып келип, андан соң тамагын койду, Ашымды тамак ич десе болбой жаткан жеринен турбай койду, анын Гүланданы көрөйүн деген көзү жок эле: "Мен сени аялыңа да, мага да жок кылам, же өзүмө каратып алам", - деген сөзү эсинен кетпей: "Энеңурайын десе, ушул бирдеме жасаткан экен, өлсүн деген го, эптеп айыгып кетсем Назгүлдөн башкага барбай калайын", - деп ойлонуп жатып уктап кеткен экен: "Мен сени издеп жүрбөдүмбү, тааный албай жүрөм, өзгөрүп кеткенсиң го?", - деген караан алыстан көрүнүп жок болуп кетти, чоочуп ойгонду: "Мени таап алса демек өлөт окшойм, ичээр суум түгөнө баштаган экен да, отузга жаңы чыгып-чыкпай өтүп кетемби, кайдан дагы буга жолуктум эле", - деп ойлуу жатканда Батмакан жанына келди:

- Бирдеме ичип алсаң боло балам.

- Кызык экенсиз да апа, жүрөгүмө барбаса кантем? - деп жүз үйрүй ары бурулуп кетти, эне жүрөгү тыз этип алды.

- Жок дегенде ысык чай ичип алчы.

- Муздак эле чай болсо жутам.

- Анда азыр өзүм алып келип берем, - Батмакан ичтен тына бөлмөдөн чыкты да чыныга чай муздатып, ылым-жылым кылып алып келди, - Кел уулум ичип алчы, - деп жанына отурду, өйдө болуп отуруп чайды дем албай жутту да чыныны кайра сунуп башын жаздыкка койду.

- Кыйналып кеттим апа, ушундан көрө үйдө болсом Арууке менен Акбердинин ойногонуна алаксып мынчалык кыйналбайт элем…

- Ден-соолугуңду ойлон балам, аракет кылып акыры учугун табам, ким болсо дагы билсем, өлбөгөн жерде калып жандыртам.

- Кеч болуп калсачы апа, балдарымдын маңдайында болгонум дурус эле…

- Ок, антип сүйлөбөй жүр, сен үчүн барымды-малымды чачсам дагы сакайтып алам уулум, жаман ойду башыңа келтирбе, - Батмакан ушинткен менен көзүнө ыссык жаш айлана түшүп ордунан туруп кетип сыртка чыга качты, ал сүлкүлдөп ыйлап отурганда Майрамкүл жанына келип отурду.

- Жеңе, сабыр кылчы, кудай деп туралы, буйруса жакшы болуп кетет, деги күмөнүңөр бар беле?

- Бар, - деди Батмакан, ушул учурда алардын сөзүн атайын тыңшап турган Гүланданын жүрөгү шуу этип: "Эми ачык айтса канттим", - деп калчылдай тура берди, - Ашымды азгырып, үйбүлөсүн бузмак болгон бир шуркуя бар болчу, ошонун колунан эле келди!

- Аны өзүңөр таанычу белеңер?

- Ооба, - дегенде ого бетер көзүн жумуп жиберди, - Мен ага жөн жүр дегемин.

- Укмушуң кур, анан ал эмне деди эле?

- Эмне демек эле, шаарга кетмек болгон, ошол эле жасатты.

- Ниети куурасын андай болсо.

- Баламды кууратып баратпайбы, көргөн сайын сай-сөөгүм сыздайт, - Батмакан мурдун шыр эттире алып ыргытты, - Кантейин, убалы жетип жакшылык көрбөсүн, эгерим эки болбосун, азыр дагы бирөөнүн башын айлантып жүргөндүр…

- Жаштарга ишенип да болбойт, эмнеси болсо дагы балдарга андайды туш кылбасын, - деген Майрамкүлдүн сөзү Гүланданын жүрөгүн көзөп өттү. Жүгүрүп кирип ашканадагы крандан муздак суу агызып бетин шапшып жууп жиберди: "Шорум көп экен, түпөйүл оору менен өткөрөт го, кантем эми, же эч кимге көрүнбөй кетип калсам бекен", - деп ойлонуп кайра-кайра бетин жууй берди, ошол убакта Ашым кирди:

- Максатыңа жеттиң, экөөңөргө тең жок болоорума аз калды.

- Ашым антип айтпа, мен эмес.

- Жаныңды жебе, сенден башка болушу мүмкүн эмес, эгерде мен өлсөм сен тирүү калбайсың, кылган каталыгың өзүңдү жеп бүтөт! - деди да суу ичип алып ичкериге кирип кетти, Гүланда ого бетер жүрөгү кысылып отуруп калды: "Мен бирөөгө эмес өзүмө азап тапкан экенмин да, ушуну көрбөй башка жакта болсом эмне, эми кандай кылам", - деп айласы куруп жатты. Кечинде келген Нурмат Гүланданын көздөрү шишип калганын көрүп:

- Эмне бир жериң ооруп жатабы? - деди.

- Башым ооруп турат.

- Жатып эс алчы, үйдө киши көп болуп тамак-аш жасап кыйналдың окшойт, - деп бетинен өөп жатканда Майрамкүл.

- Ээ Гүланда, Ашымдын кайнатмасы быштыбы? - деп ички бөлмөдөн үн катты.

- Азыр апа, - Гүланда тура калып газдын эки көзүндөгү эки идиштеги тамактарды кашык менен аралаштырып тузун көрдү, - Бышып калыптыр, кирип отур.

- Сен кыйналсаң мен жардам берейин.

- Кереги жок, апам эмне деп ойлойт?

- Ойлосо ойлойт да, сен ооруп жатам де…

- Кой, көп сүйлөбөй үйгө кир, - деп Гүланда күлүп күйөөсүн аста өөп койду, - Бар эми, мен тамакты алып кирейин.

- Жарайт мадам, - деп колун көтөрүп коюп ичкерки бөлмөгө кирип кетти, Гүланда тамактарды куюштуруп тарелкага алып кирди. Батмакан аны көзүнүн кыйыгы менен карап турду, кокус көздөрү кокус чагылыша түшсө эле жүрөгү оозуна тыгыла түшөт, ошондуктан ал тарапты карабаганга аракет кылып эптеп тамактарды узатты да ашканага чыгып "өх" деп алды: "Деги булар качан кетет, ушулардан кутулсам болот эле", - деп өзүнчө кесеге тамак куюп ичип жаткан. Майрамкүл Нурматка карады:

- Гүланда эл менен отуруп тамактанбайт экен да, капырай деги адам көрүп өскөн немеби деги?

- Койчу апа, маңдайыңарга отуруп алса тастак деп чыгасыңар, тартынып силерди сыйлап жатса минтесиңер, ээх кыргыз кемпирлери, деги таппаганыңар жок го? - деп Нурмат туруп ашканага чыгып кетти.

- Майрамкүл, тим кой жаштарды, өздөрү ынтымактуу болсо болду да, - деп Батмакан сыр билгизбей абысынын жубата сүйлөдү.

- Кызык, үйдө конок отурса, кызматчыдан бетер тамакты берип коюп өзү ашканага чыгып кеткени эмнеси?

- Эчтеке эмес, тартынып жаткандыр.

- Иши кылса тарбиясы начар болсо керек, - деп Майрамкүл жактырбаганын билдирип тамагына карады. Нурмат Гүландага келип чекесинен өптү.

- Эмнеге чогуу отуруп тамак ичпей жалгыздап жатасың жаным?

- Жөн эле…

- Мындай болбойт, келген коноктор башкача ойлоп калышпайбы.

- Ойлой берсин, жанагы аял жакпады.

- Эмнеге?

- Билбейм, алардын бара турган башка жери жокпу?

- Андай дебе, жеңем абдан жакшы аял, апам аны кандай дегинин билесиңби?

- Кандай дейт?

- Каныкейдей аял деп айтат.

- Кызык, ал аялдын эмнеси жагат апама.

- Мага дагы жагат, маселени өзү чечип кое турган аял, бирок эч качан жаңылышпаган, туура чечет деп айтышат.

- Ушул аялбы?

- Ооба, ушул аял, - Нурмат Гүланданы эркелете мурдунан чымчып койду, - Улуу кишилерге жаман көрүп турсаң дагы сыртыңдан сыр билгизбей сый көрсөткөндү унутпа, - деп сөөмөйүн чычайта күлүп койду.

- Жарайт, сиз айткандай болсун.

- Мына, эми оңолдуң, - деп Нурмат күлүп калды.

- Болуптур эми, тамак ичип бүтүшсө жыйнап чыгайын, - деп ички бөлмөгө кирип дасторконду жыйнап кирди.

- Өзүң тамак ичтиңби балам? - деди Майрамкүл Гүландага.

- Ооба.

- Мейли, - деп койду ал кайра. Ашым ошол түнү кыйналып чыкты, айланасына түшүнүксүз караандар пайда болуп тегеректеп, кайра алыстап уйкусу тынч болбоду, таңга маал сыртта басып жүрдү: "Дем салганга жакындай албай жатса керек, кой жакшылап дем салдырсам сакайып кетээрмин", - деп бир аз жүрөгүндө жашоого үмүт пайда болду. Баары тургандан кийин чай ичип алып кечээги табыпка келишти. Кезек күткөндөр көп болгондуктан бир азга күтүүгө туура келди, эки-үч сааттай күткөн соң киришти, үндөбөстөн дем салып кирди табып.

- Уулум, сени куран окулбаган арбактар тегеректеп алыптыр, сыягы ошол мүрзөнүн топурагын чачкан экен, буйруса алыстай баштаптыр, демдин таасири күчтүү, ошондуктан секиндеп кайта баштайт, менин кишилерим сенин айланаңда болуп чыкты, байкадыңбы ошону.

- Билбейм, кыйналып чыктым.

- Ошону билдим, - деп табып башын ийкеди, - Эми кудай де, мен адегенде сени тазалап андан кийин дубаны жандырууга өтөм.

- Кудай жалгасын айланайын, - Батмакан алкап жиберди, - Сакайып кетсе болду, эч нерсе аябайм, - деп бир нерсе эсине түшкөндөй эңкейип шыбырады, - Ким жасатканы билинеби балам? - деди.

- Эми айтыш кыйын, эң оболу дуба менен көрүшүш керек.

- Ийи, садага кетейин десе, шыпаасын берсин, - деди да кайра оозун кыбырата бирдеме окуп кирди. Көптөн кийин алакан жайып бата кылды.

- Баары жакшылык менен бүтсүн!

- Айтканың келсин балам, кудай сага кубат берип ылайым колуңдан дарт айыгып адамдардын батасын ала бер айланайын, - деп Батмакан Ашымды ээрчитип чыкты.

- Апа жакшы билет экен ээ? - деди Ашым жолго чыккандан кийин.

- Ошону үчүн эл көрүп жатат да балам, кезек күткөндөрдү көрдүңбү?

- Ооба

- Ооба, көрдүм аны.

- Кудай жар болсун балам, - деп айткандары боюнча Нурматтын үйүнө барчу унаага түшүп жөнөштү. Эртеси кайра келгенде дем салгандан кийин:

- Силердин үйүңөрдүн бир жеринде дуба окулган чүпөрөк бар, ага уулуңуздун аты жазылган, - деди.

- Каеринде болду экен ботом, кандай киши батынып үйгө кирип таштады?

- Сыртта, дарбазаңардын түбүн издеп көргүлө, ошону өрттөп жок кылганда дуба жанат, түшүнүксүз тилде окулган дуба, улуту башка аял окуптур.

- Ээк кудай айланайын, бул эмне деген шумдугуң эле? - Батмакан таңгала жакасын кармады.

- Сиз балаңызды таштап үйүңүзгө барып ошол катылган нерсени таап келиңиз, короонун четиндеги чекте, дарбазанын түбүндө, анчалык терең эмес, жакшылап карап таап алып келиңиз, - деди табып.

- Мейли айланайын, - деп дагы уулу экөө ээрчише аерден чыгышты, Ашым үндөбөй келе берди, ал оюнда: "Азыр аны Гүланданы таап кел деп айтам, болбосо жасатканыңды ачык айтам деп коркутам", - деп жини келип бара жатты. Батмакан дагы ишенип-ишенбей: "Ким, кантип биздин короого көмдү, Гүланда бара алмак эмес, балким кудагый жасаткан болуп жүрбөсүн, ошол шаарга келбеди беле", - деп ойлонуп Ашымга карады. Ал өзүнчө ойго батып бараткан болчу:

- Ээ Ашым.

- Эмне болду апа?

- Ушуну кудагый менен Назгүл экөө кылган жокпу?

- Апа-а, кантип ошентсин, андай болушу мүмкүн эмес.

- Билбейм, короонун четине, дарбазанын түбүнө ким бара алат?

- Алар андай кылбайт, экинчи мындай дебе апа, сен үйгө барбагын, өзүм бүтүрөм, - деди да дулдуюп унчукпай калды. Экөө Нурматтыкына келгенде түш ооп кеткен эле, Гүланда аларды көрүп селт эте түштү да үндөбөй артына кайрылды.

- Майрамкүл үйдөбү? - деди Батмакан артынан.

- Жок…

- Кайда кетти эле?

- Айткан эмес.

- Ийи мейли, - Үйгө кирип келишти, - Өзүң элесиңби?

- Ооба.

- Анда ачык сүйлөшөлү, - деди Ашым, - Мен жеңдим деп табалап жаткандырсың?

- Жо-ок, андай оюм жок, - Такала жооп берип көзүн ала качты.

- Бүгүн түндөп айылга барасың да каткан жериңден дуба окуткан буюмуңду мага алып келип бересиң, болбосо болгонун болгондой айтып Нурмат акеден кетүүгө аргасыз кылам, жашооң тозокко айланат уктуңбу?

- Ким айтты? - деп жиберди Гүланда.

- Билинбейт дедиң беле, тынч жашап калгың келсе бүгүн түндөп же эртең бүтүр!

- Ашы-ым…

- Атын атаба! - Батмакан жаактан ары чаап жиберди, - Бети жок, сен Нурматты дагы алдап жүргөндүрсүң, балама каалаганың өз башыңа тийип ылайым жакшылык көрбө! - деп алкынып, жинденип жатканда Гүланда босогодо бетин басып ыйлап тура берди.

- Тууган экенбиз, сени эмес Нурмат акени сыйлап жатам, болбосо чачыңдан сүйрөп алып барат элем, - деди да: "Нурмат аке келсе угуп калбасын", - деп ички бөлмөгө кирип кетти. Бир убакта кийинип алды да сыртка чыгып кетти. Батмакан артынан аңдып турса ал Нурматка чалгандай болду.

- Ооба-ооба тез эле келем, - деди да сиңдисине да чалып баарын дайындап коюп дарбазадан чыкты. Көп өтпөй эле Майрамкүл келди.

- Барып келдиңерби?

- Ооба, буйруса жакшы деди.

- Ошондой эле болсун, Гүланда кайда жүрөт? - деп ашканасын көздөй басканда Батмакан.

- Ал бир жакка кетти окшойт? - деди.

- Каякка барат экен?

- Ким билет, бизге айтмак беле?

- Мейли жеңе, өзү менен өзү болсунчу, мен чай коеюн.

- Ошент, кенен бир чай ичели, жүрөккө аш барып калды.

- Тилегиңди берсин жеңе, Ашым сакайып кетсе бир тойлойбуз го? - деп күлүп калды.

- Буйруса айланайын, эмгегибиз кайтса эле болду да.

- Тамак бар экен, жасап коюптур, атайын даярданган го бу? - деп дасторконун жайып тамак-ашын өзү алып келди, - Жеңе, мени курдаштар конокко чакырып жатат, мени менен барып келиңиз, - деди Майрамкүл Батмаканга карап.

- Качан?

- Бүгүн кечкиге чакырышты.

- Ашым эмне дээр экен? - Уулун карады.

- Апа кызыксыз да, мен эмне демек элем, шаарга келгенден кийин жеңем менен барып келе бериңиз, мен кичине белем жата берем, - деп күлдү эле арык жаактары тырыша түштү.

- Жеңе, курбуларым абдан жакшы турушат, биринин үйүнө чогулабыз, мен абысыным менен келем дедим, сый көрүп келиңиз.

- Мейли айланайын, бирок бир ишти бүтүрүшүм керек эле.

- Апа, ал иш өзү бүтөт, - Ашым кабак бүркөй айтты.

- Мейли, барса барып келели, - деп жылмайды Батмакан: "Эгерде ошол дубаны алып келсе унчукпай эле коеюн, жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы жакшы эмеспи, негизгиси балам аман-эсен сакайып өз оокатын жасап жүрө берсе болду", - деп ойлонуп алды.

Нурмат келип калды, чогуу тамактанып отурганда:

- Балам, Гүланда бир жакка кеттиби? - деди.

- Ооба, апасы ооруп калыптыр, көрүп эле кайра келем деди.

- Ал биякта беле?

- Жок, инисиникинде.

- Аа-а бечара, уул баласы болбосо инисине барат да, - деп Батмакан шыпшынып койду, башкасы үндөгөн жок. Кечке маал Майрамкүл Батмаканды ээрчитип алып үйдөн чыкты, алар такси кармай калып мерчемдүү жерге бат эле келишти, үйдүн сырты эле укмуш салынган экен, дарбазанын сыртында арчалар тигилип, четин гүл менен короолоп койгон, Батмакан өз ичинен: "Сырты бул болсо ичи кандай болду экен", - деп ойлонуп калды, аңгыча дарбаза ачылып балпайган аял чыкты да:

- Оо келгиле меймандар, келгиле, - деп Майрамкүл менен кучакташып көрүшүп калды, - Жакшы келдиңиздерби? - деп жылмая Батмаканга кайрылып колун сунганда оозундагы алтын тиштери жаркырай түштү, мойнунда жоон эки чынжырча, кулагында ташы кымбат алтын сөйкө, Батмакан Майрамкүлдү карады, көрсө анын да ал аялдан айрымасы жок экен: "Тобо-о, ушуга чейин байкаган эмес экенмин", - деди оюнда, - Үйгө кириңиздер, - деп эки кабат үйдүн эшигин көздөй баштады. Алар киргенде төрт аял отуруптур, алар тура калышты: "Кийген кийимдери бир баа, булардын күйөөлөрү чоң болуп иштешет окшойт", - деп ойлору жетелей берди, төргө өтүп орун алышкандан кийин Майрамкүл:

- Курдаштар, бу киши менин абысыным, - деди аларга кайрылып, - Таанышып койгула, - деди да атын айткандан тартынып ага карады.

- Менин атым Гүлчахра, - деди бири колун суна, мындайды көрбөгөн Батмакан одоно көрүп, - Бул жана тосуп чыккан аял эле.

- Батмакан, - деди колун аргасыз берип.

- Мен Зарылкан.

- Менин атым Гүлмайрам.

- Толкун, - деди четтегиси.

- Жакшы айланайындар, Майрамкүлдүн курбулары экенсиңер, мен дагы кубанып отурам.

- Келиңиз, чайга караңыз, - деди Гүлчахра.

- Биссимилла, - деп чыныны алып алдына койду да нанга колун узатты, стол үстүндө эмнелер гана жок, бөдөнөнүн сүтүнөн башкасы турган эле. Бака-шака болуп курдаштар сүйлөшүп өткөндөрүн эстеп жатышты, бир кезде тамак көтөрүп бирөө кирди, анын колунан ала коюп Гүлчахра ортого койду да ар кимисинин алдына тарелка берди.

- Алыңыздар, - деди да Гүлчахра үстөлдүн четинде турган коньякты бузуп стакандарга куюп алды алдына койду.

- Апей айланайын, мен ичпейм, - деди Батмакан чоочуй.

- Эже, бул ичкилик эмес, ар кандай ооруга дарычылыгы бар, бир-эки алып койсоңуз ооруган жерлериңиз жазылып калат, - деди Толкун.

- Ооба десең биз менен таанышып даамдаш болуп отурасыз, мындай "дарыдан" көңүл үчүн болсо дагы алып койбосоңуз таарынып калабыз.

- Намаз окубайсызбы? - деди Зарылкан.

- Жо-ок айланайын, калпты кантип айтам, кудайды алдабай калайын.

- Анда биз менен кошо бир аз алып коюңуз, сиздин-биздин куракта дал ушундан алып турса ден-соолукка абдан пайда болот экен да, - деп болбой жатып Батмаканга алдырып ийишип артынан грилден закуска сунушуп күлүп калышты.

- Биринчи ичкенде азыраак башыңыз айланат, андан кийин жымылдап каласыз.

- Олда-а айланайындар ай, мени да өзүңөргө коштуңар, мейли эми силердин көңүлүңөр калбасын, - деп Батмакан кыйыла отуруп калды.

- Сизге рахмат эже, - деди Гүлчахра.

- Кана биз бир оюнду баштабайлыбы? - деди Толкун.

- Оюнду коюп ырдайлычы, - Зарылкан аны жактырбады.

- Кана, ким баштайт?

- Батмакан эже илгерки секет байлардан ырдап бербейсизби? - деди Толкун.

- Ко-окуй, ырдабаганыма канча болду?

- Эстеп көрсөңүз эми.

- Жо-ок айланайын, ырдаганды билбейм.

- Анда мындан алалы, - деп коньяктан куюп сунушту, - Сүйлөп коюңуз эми.

- Мейли сиңдилерим, баарыңарга ден-соолук каалайм, - деп Батмакан өзү да күлүп калды, - Сүйлөгөндү да билбейм балакеттики.

- Мейли эми, алып коюңуз, - дешип курбулар тамашалашып жатышты.

- Ай Майраш, сен бизден алыстап кеттиң, өзүң сүйлөп кой, эжени тамашаладык а сен ыр менен башта, - деди Толкун.

- Туура, ырдап сүйлөйсүң, - деп коньяктын демине шакылыкташып биринен-бири өтүп күлүп отурушуп тээ түн бир убакта үйлөрүнө кайтышты. Батмакан менен Майрамкүлдү Гүлчахра жеткирип койду, өзүнүн машинасы бар экен. Үйгө кызуу келип Батмакандын күлкүсү чыгып сүйлөп жатканда Ашым чыга калды.

- Апа сизге эмне болду?

- Апаң айлансын сенден, кебетеңден кагылайын десе, жата бер, - дегенде Ашым күлүп жиберди.

- Апам ичип алганбы? - деп Майрамкүлгө карады эле ал дагы сүзүлүп калыптыр.

- Уктай гой садага, биз коноктон келдик, - деди ал дагы араң сүйлөп. Ашым кайра уктачу бөлмөгө кирип кетти. Бир кезде келип жатып калды, эртеси Ашым апасын аста карап коюп отурду, таң заарында Гүланда кирди, аны көргөн Майрамкүл:

- Кудагый жакшы болуп калыптырбы? - деди.

- Аа-а, ооба-ооба, жакшы экен.

- Капырай, өзүң эле жүгүрүп кетпей мага айтсаң чогуу барат элек го?

- Айталбадым, - Ички бөлмөгө кирип кетти.

- Тооба-а, - деп койду Майрамкүл.

- Эми жаштарга эмне дейбиз, өз жашоолорун өздөрү чечишсин, биз эми табыпка баралы, - деп Ашымды карады Батмакан, - Жөнөйлүбү балам?

- Бир аздан кийин чыгалычы апа, - деп Ашым Гүландадан кабарды кантип билээрин ойлонуп отурду. Көптөн кийин Гүланда үй кийимин кийинип чыкты да:

- Муну сизге апам берип жиберди, - деп кагазга оролгон нерсени берип ары басып кетти.

- Рахмат, алда качан бериши керек эле, эми да болсо ыраазылык, - деп Батмакан колундагыны пакетке салып койду, ал эмне деп Майрамкүл сураган жок. Бир аздан кийин Ашым менен Батмакан үйдөн чыгышты. Табып дубаланган түйүнчөктү көрдү да:

- Дал ушул, эми муну ээн жерге алып барып өрттөп коюп артыңарды карабай кеткиле, эми дагы жети күн дем салам, андан кийин бир бодо союп арбактарга атап таратып ийгиле, өзүңөр ооз тийбегиле, дарбазаңардын түбүнүн баарын шыпырып тебеленбеген жерге төгүп койгула, анткени мүрзөнүн топурагы чачылган, - деди.

- Ма-акул айланайын, мен ыраазымын.

- Сиз барып жанагыларды аткарыңыз, ал жети күндүн ичинде тазаланып, куран түшүрүлүшү керек.

- Анда мен бара берейинби?

- Барып тазалап, баарын бүтүрүп кайра келиңиз.

- Мейли айланайын, - деп Батмакан табыпты алкап жатты, дем салдырып алгандан кийин Нурматтыкына келишти, Батмакан түйүнчөктү алып көчөнүн аркы өйүзүндөгү таштандылар жаткан жерге барып өрттөдү да артын карабай үйгө кирди. Гүланда өз бөлмөсүнөн чыкпай эшикти бекитип жатып алды. Батмакан чай коюп кайра кирди.

- Ээ балам, баары артта калды кагылайын, дагы жаныбызда болуп калганын айтсаң, бети чыдабай жаткан го?

- Мейли апа, иш бүттү, эми эмне кыласың, - деп Ашым телевизорду карап отуруп ар кайсыны ойлонуп жатты.

- Эми мен эртең кетейин балам, атаңа айтып бир буканы тараталы, куран түшүртөлү, эшикти тазалатып шам жактырайын, үйдү дагы тазалатайын.

- Мейли барыңыз апа.

- Сен дем салдырып тур, Майрамкүлдү үйдөн чыкпа дейин, - деп чай алып келип өздөрү ичип отурганда Нурмат келди.

- Гүланда үйдө жок бекен?

- Жок экен го…

- Кайда кетти экен? - деп телефонуна чалса өз бөлмөсүндө экен, - Сага эмне болду жаным? - Келип эле өөп жанына отурду.

- Табым айнып турат.

- Врачка көрсөтөйүнбү?

- Жок, өзү басылып калаар.

- Дары алып келейинби?

- Тим эле койчу, - деди да ары бурулуп онтомуш этип жатып алды.

- Мейли жылуу жатчы, апам кайда кеткен?

- Билбейм, күндө эле кетет.

- Достору бар, коноктон колу бошобой жаткандыр, жеңемдер өздөрү чай ичип жатат, уят эле болдук го?

- Конок бир же эки күн болот, андан кийин ысман болуп калбадыбы.

- Ошентсе деле улуу киши…

- Менин эч акыбалым жок, тура албайм.

- Мейли, жата бер, өзүм жасайм баарын, - деп өөп бөлмөдөн чыгып кетти, - Жеңе Гүланданын табы айнып калыптыр, кечирип коюңуз эми, мен дары-дармек алып келе коеюн, - Эшикти көздөй чыкты.

- Онтобогон ооруну өзү тилеп алды да, - Батмакан күңкүлдөп калды эле Ашым аны тыйды.

- Койчу апа, бирөөсү укса эмне болот?

- Укпайт, - Батмакан моюн бербей сүйлөнө берди, - Уят өлүмдөн катуу деген ошо да, кудай гана бардыр, адамга жамандык кааласа түпөйүл болуп өлбөйбү, бирөөгө ор казсаң тар каз, өзүң түшөсүң деген да.

- Болбодубу эми апа.

- Койдум-койдум.

- Эне-бала кандай отурасыңар? - Майрамкүл кирди.

- Отурабыз, өзүңөр жоксуңар.

- Гүланда дагы жокпу?

- Ал дагы жок, ооруп жатат деп Нурмат дарыга кетти го?

- Ии-ий, ооруп калыптырбы?

- Ошондой деди.

- Мейли, эс алсын, аны жүдөтүп ийдик окшойт.

- Ооба, бизден тажады көрүнөт.

- Эмитен минтсе Садыржан экөөбүз келинге жыргаган экенбиз.

- Жаш эмеспи, оңолот да Майрамкүл, өз эркине кое бер.

- Мен эмне кетем өз үйүмө, бир аз күн жүрсөм сыйлап койбойбу?

- Апа эмне болду? - Нурмат кирип келди.

- Гүланданын эмнеси ооруп жатыптыр?

- Башым ооруп, бүткөн боюм салмактанып жатат дейт.

- Жылуу жатсын, дары бер, мен ысык чай алып барып берем.

- Мен эле берем апа, иштериң бүттүбү?

- Эки-үч күндө бүтөт, анан кетем, жеңе силер качан кетесиңер?

- Мен эртең чыгам жолго, Ашым биерде калат, үч-төрт күндө кайра келе турган болдум, - деди Батмакан.

- Бирдеке үмүт этип жаткан го?

- Анысын айткан жок, жанагы жасатканы чын экен да.

- Кудай уу-ур, чын бекен?

- Анан эмне, табып өзү кайда катылганын айтпадыбы.

- Анан эмне болду?

- Ошону өрттөйүн, анан бир бодо малды союп тараткыла деди.

- Мейли, эптеп балаң жакшы болуп кетсе болду да, айыгаар оорунун шыпаасы өзү табылат деген чын, - деп Майрамкүл шыпшынып алды, - Өткөрсөңөр өткөрүп ийгиле, куран окутасыңар да?

- Ооба, эски мүрзөдөн турпак алып жатканда кандай чоочубай алды десең ошо сетер, өлүгүңдү көрөйүн, балама каалаганы ылайым өзүнө барып калса экен.

- Ээ жеңе, кудай да билет да, бир күнү ошонун азабын тартат ким болсо дагы, кудайдан жетет.

- Жетсе жетсин өлүгүңдү көрөйүн, - Батмакан бак-бак сүйлөдү, Гүланда баарын угуп жата берди, көз алдына мүрзөнүн үстүнөн бир ууч топуракты түйүп алып эки жагын каранып алып жөнөгөнү көз алдына келип калтырып жатты: "Мен жинди болуп калгамын го, булар мени жинди кылат, кудай ай, тезирээк эле кетишсе экен", - деп көзүн жумуп алып жатканда Нурмат кирди:

- Кандай акыбалың жаным?

- Дары алып келдиңби?

- Ооба, ичип алчы, - деп жанына отура калып чекесин басты, ойлоно берип эти ысып, калтырап турган, - Оой, аябай ооруп жаткансың го, доктурга эле алып барайын.

- Жок-жок, өтүп кетет.

- Минтип жата берсең болбойт го?

- Жакшы болуп калам, дарыдан ичип алайын, - деп өйдө болуп дарыдан эки-үчтү алып уучтады да оозуна салып артынан суу ичип кайра жатып калды, Нурмат аны кымтылап коюп чыкты, - Ысытмасы көтөрүлүп жатыптыр апа.

- Дары бердиңби?

- Ооба бердим, жылуу жат дедим.

- Эртең жакшы болуп калат, шамалдап калгандыр, - Майрамкүл тамак жасаганга киришти, Ашым эбак эле жатып алган, Батмакан диванга кыйшайып калды. Ашым эки-үч ай дегенде зорго өзүнө келди, Назгүлгө эч нерсе айтышпады, ооруканада жатты деп түлөө өткөрүшкөн, келгенден кийин дагы көпкө дем салдырып турду. Балдары менен эрмектешип үйдөн чыкпайт, иш кылганга өтө алсыз, бир туугандары эртең менен эрте келип ал абалын сурап турушат. Назгүл кийинки жылы дагы уул төрөдү, төрт баланын ата-энеси болуп бактылуу жашап калышты…

Зиягүл дагы уул төрөгөн, ага Бекмат Насипкандын тили менен барып жолугуп келген, бирок эри жок төрөдү деген сөзгө теригип кээде теңтуштарына сөз чыгарып койчу болгон, дагы бир күнү коңшусу менен уруша кетти эле ал:

- Өлүгүңдү көрөйүн салынды, арамсийдик төрөп алып жүрө бер! - деди эле:

- Ай, анын атасы бар, керек болсо атасы келип турат, - деп калды.

- Ким экен атасы, кана далилиң барбы бетсиз, ар кимден төрөп алып элдин арасында кантип басып жүрөсүң?

- Атасы Бекмат, келип-кетип эле жүрбөйбү.

- Ийи, ага токол болуп алдың беле?

- Болсо эмне экен, балам үчүн баарына даярмын!

- Ий бети жок, Бекматтын аялы укса бетиңди чарыктай эле тытат го, кантип айтып жатасың ыя? - деп ээликтеп коюп кирип кетти.

Ошол эле күнү бул сөз Насипканга жетти, бирок ал унчукпастан Бекматка айтты:

- Бекмат, тигил аялга баргын дагы нике кыйдырып туруп алгын!

- Эми эмне болуп кетти эми?

- Балаңды арам сийдик атандырбай актап жаша, мен балдарга өзүм түшүндүрөм.

- Койчу байбиче, жаңылдым-жаздым, кечирип кой.

- Сени күнөөлөгөнүм жок, чынымды айтып жатам, ар кимден ар кандай сөздү угуу мага жеңил дейсиңби, - Насипкан ойлуу, ызалуу айтып жатты, колуң менен кылган ишти мойнуң менен тарт, кааласаң балдарыңа келип тур, болбосо тынч жаша.

- Насипкан, мени өлтүрө көрбө, балдардын бетин кантип карайм?

- Карайсың, сен эмне киши өлтүрдүң беле?

- Койчу эми, унутчу ошону.

- Унутууга боло турган ишпи?

- Кечир деп жатам го?

- Болбосо сени өзүм ээрчитип барам дагы нике кыйдырып келем.

- Жинди болбочу.

- Ырас айтам, - деди дагы эшикке чыгып Амангелдини кайнагасына жиберди, ал аялы экөө бат эле келип калышты.

- Эмне болду, жайчылыкпы деги? - Сайра суроо узатты.

- Жайчылык эле жеңе, кайниңизге аял алып берип бөлөйүн деп жатам.

- Койчу, кайдагыны айтпай, - Шермат экөө тиктешип калды: "Буга эми жеткен экен кудай ур", - деп ойлоду Шермат.

- Койбой эле, эртең күн чыга Зиягүлдүн үйүнө төртөөбүз барабыз дагы бир койду союп никелештирип келели, - деп Насипкан күлүп койду, албууттанбай акырын сүйлөп күлгөнүнө таңгалып турушканда Насипкан:

- Ырас айтам аке, болоор иш болуп боесу кангандан кийин ачыкка чыксын да, - деди аларга карай.

- Түшүнсөк буйрубасын, ой бала айтчы деги, бул эмне деген оюнуңар? - Шермат Бекматты ачуулуу карады, - Сүйлөбөйсүңбү!

- Мен эчтеке дегеним жок.

- Аке, анда эмне күнөө, ооба мен жокто болуптур, эми ачыкка чыксын.

- Кереги жок, нике кыйдырбайм, - деп долдурады Бекмат. Насипкан кайнагасы менен абысынына бышып калган тамагын коюп жаркылдап чай тамагын берип жатты:

- Мени туура түшүнүңүздөр, тамаша да, оюн да эмес, чын ниетим менен эле айтып жатам, балага да кыйын, энесине деле оор, жаманаттыдан сактап калсын, өз кылган ишинин жыйынтыгын чыгарсын да, - Насипкан жер карап саамга ойлоно калып, - Мен бир жыл тишимдин кирин соруп балдарым үчүн бирдеме жасап коеюн деп жүргөндө бул менден түңүлгөн экен, дагы бир аз кечиксем кудай билет, киргизип алат беле, анча болгондон кийин баласы экенин моюндасын, мен ага эчтеке дебейм, катышып келип турсун, Бекмат эмне деп чечет өзү билсин, мен макулмун, - деди.

- Кереги жок, барбайм.

- Баладай болбой акылы токтолгон адамча сүйлө, - деди Насипкан.

- Балам, болсо болгондур, эми ал иш өттү кетти, козгобогула эми, - деди Шермат.

- Ооба десең, капырай сен дагы кызыксың Насипкан, эл эмне дейт, балдар эмне болот, үйбүлөлүү кыздар кандай абалда калат? - Сайра дагы абысынына ишенбей турду.

- Балдарга өзүм түшүндүрөм жеңе, мен макул болуп жатканда барсын, кокустан дагы кеп угуп жиним келсе үйдөн жөн эле кууп чыгып койсом ошондо барабы?

- Кой эми, бири-бириңерди түшүнүп кырк жылдап жашап калдыңар, ачуу менен баарын бүлдүрүп алып анан оңдой албай жүрбөгүлө.

- Андай болбойт, эркектин орто жашы элүү деп коет, Бекмат али жаш, эки аялды жакшы эле багат, эр жигитке эки катын кеппи, мен айттым дедим, - деди Насипкан аларды карай, - Ойлон Бекмат, баланы ойло! - дегенде Шермат менен Сайра унчукпай калышты. Тамак ичилгенден кийин бата кылып үйлөрүнө кетишти. Насипкан дүкөнүнө кетип Бекмат шылкыйган бойдон калды. Эртеси айылды таң калтырган окуя болду. Насипкан Зиягүлгө бирөөнү жөнөтүптүр. Анда дагы бир топ продукт менен бир койду берип ийиптир: "Бекмат нике кыйдырып үйлөнөт экен деп айттырыптыр. Бул сөз түшкө жетпей элдин баарына жайылып таңгалып жатышты.

- Ботом, Бекмат Зиягүлгө үйлөнөт экен дейби? - деп пенсияга келген аял биринен сурады.

- Ким айтты, аялы бар эмеспи?

- Ошо аялы үйлөнтөт экен.

- Кой ээ, кантип эле? - деп ишенбей бири-бирин карап коюп шыпшынып жатканда Батмакан келип калды.

- Ой сенин кудаң бу Зиягүлгө үйлөнгөнү жатат дейби? - деди тиши орсок, көзү жүлжүк кемпир аны көрүп эле.

- Ким айтат, катын ушак го, аялы балдары турбайбы?

- Анда бүгүн нике кыйдырат экен.

- Кой ай калп.

- Калп эмей эле союшун жетелетип ийген имиш.

- Капырай де, Насипкан анда бир нерсени билген го?

- Билгенде ошенткен аялды айт.

- Билбейм, аны келиним укса тытынат го балакет баскыр, - деп Батмакан унчукпай калды. Пенсиясын алып үйүнө келди да, - Нази, куда-кудагыйга барып жолугуп келчи, - деди.

- Эмне болду?

- Таң, элден ушак уктум, калп эле болсунчу.

- Жакшылыкпы апа? - Үрпөңдөй сурады Назгүл.

- Коркпой эле кой, баары жакшы, ушак эле.

- Макул, барса барып келейин, - деп Назгүл кийине калып чыгып кетти, ал келсе эч нерседен капарсыз Жазгүл күйөөсү менен келип калыптыр.

- Апа, эмне деген сөз тарап жатат? - деди Назгүл апасына карай.

- Эмнени уксаң ошол кызым, адам баарына көнүш керек, - деди Насипкан кенебей.

- Мен эчтеке уккан жокмун, - деп кайненесинин айтканын айтты Назгүл.

- Атаңа аял алып берейин дегем.

- Эмне-е, жинди болдуңарбы экөөңөр тең?! - Апасын селдээ карап туруп калды, - Бул эмне деген маскарачылык апа, атам өзү аял алам деп жатабы?

- Жок, өзүм алып берем, - Насипкан кызын тынчтандырды, Назгүл тултуңдап сыртка чыгып баратып:

- Мени өлдү деп эсептегиле, экинчи келбейм, - деп чыгып кетти.

- Нази, токто деп жатам.

- Кереги жок, мен үйүмө кеттим, - Булкулдап чыгып баратканда Жазгүл:

- Сага эмне болду? - деп таңгала сурады.

- Эчтеке, апаңдан сура! - деп коюп үйгө кирип кетип ыйлап отуруп алды.

- Апамдан эмнени сурайм? - деп дүкөнгө кирди, - Апа, Нази эжеме эмне болду?

- Үйгө киргиле, азыр өзүм кирем, Алмазды үйүнө кетирип жибересиңби?

- Эмнеге?

- Ошондой, иш бар.

- Апа, айта берчи, Нази эжем ыйлап жатат го?

- Сен дагы ыйлайсың, анан түшүнөсүңөр, - деди Насипкан дүкөндүн эшигин бекитип жатып, - Эми силер үйбүлө күтүп балалуу болдуңар, баарын түшүнө турган убакка келдиңер.

- Анчалык эле эмне болду апа?

- Үйгө киргиле, - деп алдыга басып жөнөдү. Үйгө киргенде Назгүл ыйлап отурган, Алмаз эшикте баласын көтөрүп туруптур, Бекмат кайдадыр кеткендей дайыны жок, Насипкан үйгө кирип өзүн карап калган кыздарына карап, эмнеден баштасам экен деп ойлонуп бир саамга отурду да, - Силер эми баарын түшүнүп калдыңар, мен бир жыл дайынсыз жоголгондо атаңар, - деп баарын айтып келди да, - Эми атаңдын баласы бар, аны дагы ойлош керек, силер чоңойдуңар, түшүнгүлө, аял кечиримдүү болушу керек, атаң жаман адам эмес, андан көрө анын жүрөгүн оорутпагыла, - деди да унчукпай калды.

- Атам ошого кантип барды? - деп Жазгүл ыйлап жатып сурады.

- Атамды көргүм келбейт, - деди Назгүл, - Эмнеге биз турганда ошого барды, аны үйдөн кетириңиз, экинчи келбесин!

- Ооба кетсин, үйгө келбесин.

- Антпегиле кыздарым, кандай болгон күндө дагы атаңар, аны мен кечирип жаткандан кийин силер дагы кечиришиңер керек, эне бала деп жашайт, мен силер менен бактылуумун, мени дагы кечиргиле балдарым, мен бул кадамымдан артка кайтпайм, ал төрөлгөн бала дагы силердин бир бооруңар, - деди да Насипкан сөзүм бүттү, - дегендей ордунан турду.

- Нургелдилер билеби муну? - деди Назгүл.

- Билет, ата-энени сыйлаган бала кечире билиш керек.

- Мен кеттим, өзүңөр билгиле, - деди да Назгүл дароо чыгып кетти.

- Мен да кеттим апа, баары бир бул чечимиңерге макул эмесмин, - деп Жазгүл дагы анын артынан чыкты. Ошол убакта Шермат менен Сайра кирип келишти.

- Кыздар эмне дейт? - деди Сайра чоочулай.

- Алар али жаш, алдыга карай кенен көз караш менен карашпайт.

- Туура кылган жоксуң Насипкан.

- Мен туура кылдым деп ойлойм, - деди Насипкан дароо эле, - Бекмат кайда жүрөт?

- Ал көрүнбөйт го?

- Кайда кетиши мүмкүн? - деп үчөө сыртка чыгышты, - Амангелди, атаң кайда жүрөт?

- Атам жана тигил жакка кеткен, - деди Амангелди ээн жакты көздөй колун жаңсап.

- Бар чакырып келчи!

- Атам мени барба деген.

- Макул, өзүм барайын, - деп Насипкан Бекмат кеткен жакты көздөй жөнөдү, ал кетип жаткан жакка баратып боз адырлардын этегиндеги топ бейиттин төмөн жагында күн батышты карап турган күйөөсүн көрдү да, артынан келип:

- Бекмат, сени күтүп жатпайбызбы? - деди.

- Насипкан, сен мени жазалагың келип жатабы?

- Макоо десе, билсең бул жазалоо эмес, колдоо.

- Мазактабачы.

- Жо-ок, мазактаганым жок, сенин абийириңди жабайын деп жатам.

- Ошонуң кантип болсун, өткөндү козгогондо эмне?

- Өткөн эмес, учурда болуп жатат, балаңдын талпынып калган кези, кийин ошол балаңдын эл алдында "нокотек", - деген жаман сөзгө кабылышын каалайсыңбы?

- Ал менин балам эмес!

- Кудай алдында дагы танып кетесиңби?

- Насипкан, мени кыйнап жатасың, - деп Бекмат эми гана бери бурулду.

- Мейли, менден жашыр, балдарыңдан жашыр, кудайдан жашыра албайсың чынбы?

- Аттиң жаңылдым, эми эмне кыл дейсиң?

- Жүрү, акемдер күтүп калышты.

- Арга жок экен го сага, - деп жакын келди, - Насипкан, мени кечир! - Кучактап бекем бооруна кысты, - Кечир мени!

- Эбак кечиргемин… - деген Насипкан ушул кезде ичи ачышып күйөөсүнүн кучагында көзүнүн жашын төгүп саамга былк этпей бири-бирине өткөн жылуулукту, жүрөктөрдүн кагышын, дирилдеп турган сезимдерин туюп тура беришти. Анан дароо Насипкан Бекматты өзүнөн оолактата аста түртүп, - Сен эми башка үйбүлөгө барасың, жаңы жашоо баштайсың, өзүңө сак бол, этият бол, балаңды атасыз калтырба, бактылуу бол! - деди акырын.

- Сен туура кылган жоксуң Насипкан.

- Жок, эң туура, сендей адамга эки аял эмес бүт дүйнөдөгү жакшылыктарды ыраа көрөм, - деп колтуктап жөнөдү, тээ бир топтон кийин колтукташа жай басып келе жаткан экөөнү көргөн Шермат.

- Бу келиним акылы тунук Акылкарачачтай эле болду го? - деди.

- Ийи, сени да ошентип аял алып берсем жагат белем, - деп Сайра кызаңдай карады.

- Укпай жатып эле тыбыраңдай бересиңби?

- Тыбырабай эле сенин оюңду билип жатам, тиги Айымканды сага алып берип эле койбой, ошого өкүнүп жатасыңбы?

- Болду эми кайдагыны айтпай, келип калышты.

- Кеттик аке, мен даярдап койгон баштыктарды алып тиги Алимжанды чакырайын, - Насипкан ошол айылдагы таксистке телефон чалды, - Азыр келип калат, - деди жанындагыларга. Ошентип Насипкан өзү баш болуп барып Зиягүлгө нике кыйдырды да акырын кетип калды, Шермат менен Сайра ал жерде болуп кечке маал гана алар кайтып келишти, турмуш жолу адам баласын ар кандай бурулушка туш кылат эмеспи, Назгүл менен Жазгүл атасына нааразы болуп, апасына таарынып каттабай жүрүштү, бирок эл ичинде Насипканды мактабаган жан жок. Эл деген эл эмеспи, бирок Зиягүл түш көргөндөй эле болду, Насипкан ага сырттан жолугуп: "Зиягүл, менден тартынба, эже-сиңдидей болуп жүрөлү, акыры бул өмүрдөн өтөбүз, аз өмүрдө сыйлашып гана өткөнүбүз оң", - деген эле.

Бекмат адеген күндөрү көнө албай Зиягүл менен урушуп жүрдү, бирок талпынып калган Тагайбектин кудум эле балдарына окшошуп турганы ичин жылытып "ата, ата", лап мулуң этип күлгөнү жүрөгүн эзип акырындан көндүрүп баратты.

- Бекмат, сен ушул баланын өзүңдүкү экенине күмөнсүп жүрөсүңбү? - деди бир күнү Зиягүл.

- Оңой эмес экен да, балдарың чоңоюп турса, Насипкан адеп айтканда ишенбедим, ал катуу айтпады, түшүндүрдү, - деп Бекмат ыраазы болгонун билдирди.

- Чынында жакшы аял экен, өз койнундагы күйөөсүн кайсыл аял бирөөгө бере салмак эле, балким элге ошондой көрүнгүсү келгендир?

- Андай дебе, мен ойлойм ал башка аял менен жүргөнүмдү угуп жийиркенди, жүрөгү муздады, анан акырын өзүнөн алыстаткысы келди, - деп Бекмат ойлуу телмирди.

- Аялыңды кыялбай жатасыңбы?

- Ооба, отуз бир жыл болду быйыл баш кошконубузга, улуу кызыбыз эки жылдан кийин төрөлгөн, жыйырма тогузга чыгат, жакшы жашадык урушпадык, талашпадык Зиягүл.

- Экөөң мени ортодогу топтой тепкилегиңер келеби? - Бекмат ачуусу келе айтты, сен оозуңду бек кармасаң эле бул балээ болмок эмес.

- Мен өзүмдү коргодум.

- Кандайча?

- Жаманаттыдан сактадым.

- Мейли, болоор иш болду, жашоого туура келет.

- Ошондой десең, - Зиягүл күлүп койду.

- Үйгө барып балдарыма барганга каршы болбойсуң.

- Каршылык жок, эжем менен учурашканга чогуу барабыз, эмне экен?

- Кой азыр болбойт, кийин балдардын таарынычы тараганда барасың, - деп көпкө сүйлөшүп отуруп анан жатууга киришти, - Сен ыраазысыңбы Зиягүл?

- Аябай, бирок сага эмес.

- Эмнеге?

- Насипкан эжеге ыраазымын, - деп күлүп койду Зиягүл.

- Туура, ал болбосо сенин кашыңда отурмак эмесмин.

- Билем, уккуң дагы келген эмес.

- Кел эми жаталы.

- Баланы уктатайын.

- Сен экөөбүз эми жашоо үчүн бирдеме кылышыбыз керек го?

- Сен иштешиң керек, мен бала менен кайда барам?

- Иш издеш керек эми.

- Кам санаба, бир оокат өтөөр, - деп койду Зиягүл, экөө ошону менен унчугушпай жатып уйкуга киришти, алар ошентип алдыдагы жашоосу үчүн кам көрүүнү ойлонуп жатышты, Бекмат үч балалуу аялдын үстүнө кирип алганына кээ туугандары намыстанып, кээси Насипканды күнөөлөп жатышты, бири бирди айтса бири башканы айтат, акыры Шермат аларга түшүндүрүп айтты.

- Силер көп эле сүйлөй бербегиле, Насипканга окшоп силердин аялыңар уруксат береби?

- Эмне Бекмат акем өзү кетмек болду беле?

- Ооба, - Шермат баарына түшүндүрүп айтып берди, - Сыйдан кетирип кубалап чыккан жок, өз ыктыяры менен макул болду.

- Кызык экен, жеңебиз акылмандык кылган экен, - дешип таңгалып тим болушту. Бекмат иш издеп там салууга жумуш тапты, күндө кечке дубал уруп кечке маал чарчап келет, Зиягүл ал келгенде жадагалса чайын кайнатып турбайт, баласын шылтоолоп отуруп алып ал келгенде гана кыймылдап калат, улуу кызы он үч он төрттө, ошону да жумшабайт, өзү эле шам-шум этип жатып калат, абдан кыйналды. Үй бүткөнчө арыктап жаактары шимирилип калды, бир күнү Ашым жол боюнан өтүп баратып учурашып өттү да Назгүлгө айтып барды.

- Назгүл, атам аябай арыктап калыптыр.

- Өлүп кетпейби, аял алган ошондой болот.

- Койсоңчу, ага да түшүн, адам болгондон кийин болот экен…

- Сен аны колдобой эле койчу ээ? - Күйөөсүн тирмийе карады.

- Болуптур, сеники туура, - Ашым унчукпай калды, өзүнүн жаңылганын эстеди, анын айынан бир өлүмдөн калганын ойлоду: "Эркектер өз аялы турса башка аялды эңсеп жүрүп азапка калат экен да", - деп ойлонуп алды. Назгүл өзүнчө ойлонуп ички үйүнө кирип ыйлап алды: "Эмнеге ата, эмнеге бизди башкага алмаштырдың, биз үчүн өтө кымбат адам элең го, апам го ачуусуна чыдабай ошенткендир", - деп ойлоп апасынын үйүнө жөнөдү. Насипкан күндөгүсүндөй эле дүкөнүндө болчу, ал дүкөндү толтуруп алган, бир жагы жалаң продукту, бир жагы кийим-кече, Назгүлдү көрүп эле:

- Кел кызым, - деп кучагын жая тосуп алды, эки-үч айдан бери таарынып келбей жүрүп сагынышып калган экен, саамга кучакташып туруп калды эле тыным алдырбай кирген кардарлар аларды бөлдү.

- Эже колбаса барбы?

- Бар, кандайы керек?

- Жакшысы, канчадан?

- Эки жүз элүү сом.

- Кил тартыңыз, анан жакшы арактан бирди.

- Эң жакшысы жүз сексен сом.

- Боло берет, - деп беш жүз сом сунду кардар.

- Мына алыңыз, здачыңызды алыңыз.

- Рахмат, соодаңыз болсун, - деп кардар кетээри менен Назгүл жаба койду.

- Эмне болду?

- Сиз менен сүйлөшүшүм керек.

- Сүйлө, эмне болду кызым?

- Ушу силердики өттү, картайганда, атам өлүп калса сизге же бизге нааласы калабы же рахмат айтышабы элдер?

- Эмне болуп кетти?

- Атам курулушта иштеп жүрөт дейт, ыркыйып арыктап калган имиш.

- Мени багып жатты беле, же сенин бала-чакаңдыбы?

- Апа, баары бир биздин атабыз да, сиз болбосоңуз кетпей болчу.

- Мен аны ошол аялга барып балалуу боло кал дептирминби?

- Коюңузчу апа, көз көрүнөө атамды кордодуңуз, намыстанып келбей иштеп жүрүп ойдон өлүп калсачы? - деп Назгүл ыйлап жатып айтты эле Насипкан уяла түштү: "Эмне бир жери ооруп жүрдү бекен, мен өзүм жолугушум керек экен", - деп ойлонуп:

- Кызым, мени дагы түшүнгүлө да, атаңды мен кубалаган жокмун, каалаган катыны менен эркин жашасын дедим, өзүм сүйлөшөм, - деди.

- Эгерде сиз сүйлөшпөсөңүз мен өзүм барам, Жазгүл экөөбүз барып алып келебиз, - Назгүл апасын коркутуп кетти. Насипкан ойлуу дүкөнүн ачып отуруп калды, Нургелди кирип келип Насипкандын жанына отурду.

- Апа, биз уялып бүттүк элден, биз чоңойгондо бул эмне эле болуп жүрөсүңөр, классташ досторумдан уялып бүттүм, жакында аскерге кетем, Эсенгелди менен Амангелди деле чоңойду, кыз-күйөөлөрүңдөн уялсаңар боло?

- Эми сен калдың эле, барып Жазгүлдү, Назгүлдү чакырып кел.

- Аларды эмне кыласыз?

- Сөз бар.

- Дагы эмнени баштаганы жатасыз? - Нургелди апасын кыя карады.

- Бар дедим го, баарын чакырып кел! - Насипкан айбаттуу сүйлөдү.

- Болуптур апа, атамды да чакырайынбы? - Жылмайып алды.

- Тамашалашпай бол тез жөнө! - Нургелди чыгып кетти.

- Дегеле колдорунан келсе күн көргөзбөй турган, - деп күңкүлдөй кардарга кайрылды.

- Эмне керек?

- Сахар менен тиги вермишельден бериңизчи, конфеттен бир кил.

- Жарайт, - Насипкан шыпылдай салыштырып, кардардын колуна карматты, - Ала кой, - Насипкан баштыкты колуна карматты, - Келип тургула.

- Ооба, келип турабыз.

- Албетте, бир ар дайым сиздин кардарыңбыз, - деп жылмайып коюп чыгып кетти.

- Ээ кудай, нысап бере гөр, - деп бир жарым жыл мурунку тонолуп калган кезин эстеди: "Ошол күндөр да өттү ээ, мени ошол кыйын кез чыйралтты, мен адам болдум, - деп ойлонуп отургуча бир топ убакыт өтүп кетсе керек Назгүл менен Жазгүл күйөөлөрү менен кирип келишти, күйөө балдары учурушкандан кийин Нургелдини карап, - Чай коюп койчу, - деди.

- Апа, биз Алмаз экөөбүз тез эле кетебиз, кандай жумуш бар? - деди Жазгүл.

- Биз эле бекерчи бекенбиз, шашпагыла кетесиңер да, - деп Назгүл сиңдисин карады, - Балким апам бизди коноктогону жаткан чыгаар, ээ апа?

- Ооба кыздарым, бул дүйнөдөгү эң кымбат конокторум силерсиңер, үйгө кирип тургула, - Насипкан мээрим төгө карады аларды.

- Апа, тезирээк барыңыз, - деп дүкөндөн чыгып үйүнө киришти: "Эми эмнени айтат, атамды болсо кетирди башка кандай сөзү бар", - деп ар кимиси өзүнчө ойлонуп жатты. Насипкан бир топтон кийин келди да төргө отуруп алып саамга кыз-күйөөлөрүн тиктеп туруп.

- Силер чогуу барып атаңдын ал-абалын билип келгиле, -дегенде эки кызы бири-бирин карап калды, - Ооба, барып учурашып келгиле, иниңерди көрөсүңөр, бирок Зиягүлгө ооз ачпагыла, алар кандай жашап жатканын көргүлө, - деди.

- Апа, - Назгүлдү сүйлөтпөдү.

- Силер сөзсүз барышыңар керек, ал силерди ойлонуп ооруп калышы мүмкүн, балким ал силерди кечирбейт деп сары санаа болуп жүргөндүр.

- Апа, биз анын үйүнө кантип бармак элек? - Назгүл кабак бүркөй карады.

- Убакытты өткөрбөй жөнөгүлө, мен бирдеме даярдап койгомун.

- Апа, барбай эле коелучу, - деди Жазгүл.

- Барасыңар, силер барып турсаңар оорубай көңүлү ток болот, - деп турду дагы дүкөнгө кирип бир баштык толтура бирдемени алып чыкты, - Баласына күрмө шым коштум, жакшылап сүйлөшүп келгиле, - деп аларды ой-боюна койбой жөнөттү, да карап туруп: "Ооруп калды бекен же балдарына сары санаа болуп жатабы, чындап бир балээ болсо ага тууганы мага асылат", - деп ойлонуп кайра дүкөнүнө кирди. Назгүлдөр ээрчишип алып тээ өйдөдөгү Зиягүлдүн үйүн таап барышты.

- Эмне деп барабыз ыя? - деди жакындаганда Жазгүл.

- Билбейм, атам менен учурашканы келдик дейбиз да, - Экөө тең күлүп калышты, Алмаз менен Ашым өздөрүнчө балдарын көтөрүп артта, үйү эски там болчу, короосу зым менен тосулган, кирчү жери керешке, андан кирип эшигине аярлай кирип барып:

- Ким бар? - деп Жазгүл үн салганда улуу кызы Мээрим чыга калды.

- Ким?

- Үйдө ким бар?

- Апамдар.

- Бекмат деген киши барбы?

- Ооба, - Мээрим тикчийе карады.

- Жүргүлө, - деп Жазгүл артындагыларды карады, ошол убакта ичтен Зиягүл чыга калды.

- Ким? - Кызына суроолуу тигилди.

- Бекматтын кыздары болобуз.

- Ийи, кир-кире койгула, - деди шыпылдай. Назгүл менен Ашым алдыга кирди, төртөө ээрчише киргенде Бекмат төшөктө жаткан экен, тура калды:

- Келгиле, оой садагаларым келип калган го? - деп бечара ыйлап ийди, арыктап абдан өңү азып кеткен экен, күйөө балдары учурашып андан кийин Назгүл менен Жазгүл атасын кучактап көпкө ыйлашты:

- Ата, ооруп жатасызбы? - деди Назгүл.

- Ооба кызым тап жок.

- Эмнеңиз ооруп жатат ата, жаман арыктап кетипсиз го? - деди Жазгүл.

- Эч жерим деле оорубайт, салмактанып эле алым жок.

- Доктурга көрүнбөйсүзбү?

- Көрүнгөндө эмне…

- Кыздар, келип чай ичкиле, - деп Зиягүл аларды дасторконго чакырды, Назгүл баштыктагы таттууларды алып чыгып, күрмө шымды Зиягүлгө берди:

- Балаңызга кийгизип коюңуз.

- Рахмат, убара болупсуңар, чайдан ичкиле.

- Атамды көрүп келели деп эле келгенбиз.

- Атаң үч-төрт күндөн бери жатат, врачтарга көрүн десем болбойт.

- Жакшы болуп кетем кыздарым, кабатыр болбогула, кыскасы мени кечирдиңерби? - деди Бекмат кубанычтуу карап.

- Кечиримдүү болгула деп үйрөткөн апам, анан кантип кечирбейбиз ата, сиздин ооруп калганыңызды угуп коркуп кеттик, - деп Назгүл улуулук кылып сүйлөп отурду, - Доктурга көрүнүшүңүз керек ата, минтип жата бергениңиз болбойт.

- Жата берсеңиз күчөп кетпейби? - Жазгүл кошулду.

- Кудай сактасын кыздарым, силерди көрүп оңоло түшпөдүмбү? - деп Бекмат күлүмсүрөй карады, - Кыз-күйөөлөргө бир улак союп коноктойлу, - дегенде Назгүл.

- Ата, бизге кереги жок, андан көрө сатып врачка көрүнүңүз, - деди.

- Чай эле ичебиз, сизди көрдүк кайра эле кетебиз, - деди Жазгүл дагы, күйөө балдары созулуп чай ичип отурду, кыздары атасына чебелектеп жатышты. Бекмат болбой өзү туруп Зиягүл экөө эшикке чыгып кеңешип улак соймок болушту эле Ашым менен Алмаз чыга калды. Арыдан бери союп казанга салды да отуруп калышты.

Кечке маал тамак ичип сый көрүп анан аерден чыгышты, Насипкан аларды чыдамсыздык менен күтүп жаткан, алар кирээри менен эле:

- Кандай барып келдиңер? - деди.

- Жакшы, атам ооруп жатыптыр, бизди көрүп оңолуп калды, - деди Назгүл.

- Аялы кандай, жактыбы?

- Койчу апа, ал бизге жакканда эмне…

- Апаңар да.

- Апа болбой эле койсун.

- Баласын көрдүңөрбү?

- Ооба, Амангелдиге аябай окшош экен апа.

- Иниңер болсо окшошот да.

- Биз кеттик апа, - деп Назгүл апасына кайрылды.

- Көңүлүңөр тындыбы, таарынычтар жазылдыбы? - деп эки кызына жылмая карады.

- Айла жок апа, айла жок да, өзүңүз баарын чечип койсоңуз биздин колубуздан эмне келмек эле? - Назгүл ыйламсырай сүйлөдү, - Жөн эле элди таңкалтырдыңар го?

- Ошондой болуп калды эми, бара койгула.

- Апама берген устуканды бербейсиңби Нази эже, - деди Жазгүл.

- Ал тиги пакетте, алып берип кой, биз кеттик, - деп жөнөдү. Ашым экөө жолдо кетип жатканда Ашым.

- Апам абдан жакшы киши да, - деди.

- Сени дагы ошентиш керек беле?

- Деги да, башка неме болсо уруш-талаш кылмак да.

- Мисалы мен, сенин багыңды байладым да ээ?

- Нази, ушундай сөзүңдү койчу, жөн айттым да, ошону да өзүңө ала бересиңби?

- Мен дагы жөн эле айтып койдум да, - Назгүл да күлүп койду.

- Иши кылса чымчып турасың да.

- Болуптур эми, - деп экөө үйүнө келди, Батмакан менен Кадыржан чай ичип отуруптур, аларды көрүп эле Батмакан.

- Жөн жай эле чакырыптырбы? - деди.

- Жаңы кайненеге учурашып келдик, - деди Ашым күлө.

- Ийи-ийи, кандай неме экен? - Кызыга карады.

- Элдей эле… - Назгүл айткысы келбей устукандарын дасторконго койду.

- Жакшы эле, кайната ооруп жаткан экен бизди көргөндө кубанды го?

- Кубанбай анан, - деп койду Кадыржан.

- Насипкан кудагый аялдын акылманы экен, - Батмакан шыпшынып койду, - Урушуп-талашпай эле киргизип берип койду, зээни кейиген го ушактарды угуп.

- Куда жакшы эле бекен?

- Жакшы эле, алым жок дейт.

- Доктурга көрүнбөйт беле ботом.

- Эми көрүнөт го.

- Силерди катуу коноктогон экен, - деп эттен жеп отуруп калышты, Назгүл үндөгөн жок, ал кийинки күндөрү ата-энеси жөнүндө сөз болгонун жактырчу эмес, ичинен жээрип Зиягүлдү каргап калат, бирок турмуш чындыгын кайда катмак эле, ошондон кийин Насипкан күйөөсү менен Зиягүлдү үйүнө чакырды, үйлөрү оңолуп, ичине кирсе чыккыс кылып алган эле. Шермат менен Сайра, кайниси Акмат аялы Тазагүл менен Шерматтан кийинки кайнагасы Кулмат аялы менен чогуу болду, Зиягүл кымырынып кысынып отурбай эле өзү билип жардам берип жүрдү. Бир туугандары дагы, эл дагы аңыз кылып жатты. Ошондон баштап Бекмат эки үйгө тең келип турат, эки аял ынтымактуу, Зиягүл Насипкандын колу бошобогондугунан улам келип кирин жууп, тамагын жасачу болду. Элдин сөзүнө намыстанбады, анткени Насипкан анын балдарын өз энесиндей карап, кийим-кечесине дагы карайт, Нургелди аскерге кеткен, эки баласы мектепте, Эсенгелди дагы быйыл бүтөт. Насипкан дүкөнүн кеңейтип койгон, баары бар, аябай байыды, үйүн заңгыратып оңдотту, времянкасын чоңойтуп эвро ремонт жасатты, мал күттү, кыскасы Насипкан аябай жакшы күнгө жетти. Бир кезде: "Ошо курусун", "Шалп этек", "Кем акыл", - дегендер азыр ага жакындап керектүүсүн алып турат. Нургелди аскерден келээри менен үйлөнтмөк болду, анткени "Бишкекте" кызмат өтөгөндүктөн бир кыз менен таанышып калган эле. Келгенден эки күндөн кийин эле атасына:

- Апа, сүйлөшкөн кызыма убада берип койгом, үйлөнөм ата, - деди.

- Бир аз кое турбайсыңбы балам.

- Эмитен үйлөнгөндө эмне, окуп алгын, - деди Насипкан.

- Окубайм апа, андан көрө үйлөнөм.

- Макул, качан алып келесиң, окутайын дедим эле балам, - Насипкан кейий айтты.

- Эртең кайра шаарга барам да бүрсүгүнү алып келем.

- Алып келе бер балам, - деп Бекмат кубаттады. Ошентип келин келет деп күтүп даярданып жатышты. Кечке маал эки машина менен келип калышты, үйгө киргизип жоолук салып отургузгандан кийин кыздын ата-энесин сурап алып ачуу басар жөнөтүштү, Бекмат кычырап эшиктин алдында туугандары менен сүйлөшүп турат, Зиягүл казан аякта, Насипкан келген кеткенин тейлеп үйдө, келини кең Чүйдөн экен, эртеси кечке маал үч машина болуп кууп келип калышты, адегенде кычыраган эркектен төртөө түшүп андан кийин аялдар түштү, Насипкан аялдардын ичинен бирин дароо эле тааныды, ал Мира эле. Өзүн токтото ичкери кирип орун алгандан кийин кудалар таанышканы келгенде Насипкан менен Бекмат киргенде Мира жер карап отуруп калды эле, Миранын иниси экен, зыңкыйган жигит тааныштырып кирди. Таанышып бүткөндөн кийин Насипкан Мираны карап:

- Оо жакшы кезде жолуккан элек кудагыйым менен ошондо тилек кылып сенин кызыңды келин кылып алам деп экөөбүз сүйлөшкөн элек ээ Мира, кудайдын көзүнүн түзүн кара, экөөбүздү кайра кездештирди, - деди.

- Ооба-ооба, - деген Мира көзүн ала качып сүйлөй албады.

- Анаркан жүрөбү, Аня деп койчу элек го? - деп ансайын айтканда Мира араң эле башын ийкегиледи, - Ошондо силер кеткенден кийин соодам бир жакшы болду аттиң! - деди да отургандарга кайрылды, - Алыңыздар, нанга караңыздар!

- Алгыла кудагыйлар, кудай кошкон куда болот деген ушул, кудагыйлар тааныш экен, жакшы тилек жарым ырыс дегендей кудайым айтканын берген тура, - деп Бекмат бакылдады. Ан сайын Миранын жети өмүрү жерге кирди. Аны көргөн бир тууган иниси эжесинин сырын билгендиктен: "Эжемдин бул жерде бир сыры бар, сөз менен жайлады окшойт", - деп тымызын ойлонуп отурду. Андан кийин да бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Насипкандын жашоосун көрүп ичинен сызды. Анткени ал баягы эле бойдон тынып тынчый албай жүргөн. Кызы Альбинаны ата-энеси баккан, окуткан. Инисинин аты Өмүрбек, мугалим болуп иштейт. Кудаларынын алдына элүү миң сом коюп, кийитти жакшы кийгизип, кешикти салып берип узатты. Бирок Насипкан: "Энеси ошондой болсо кызы кандай болду экен, баламды алдап туруп басып кетеби, же иттен дагы кумайык туулган сыңары кызы жакшы болоор бекен, балам менен бактылуу болсо болду, Мира өзү деле тамагына таш тыгылгандай болду, эки адам көрүшөт, эки тоо көрүшпөйт деген ырас да", - деп ойлонуп калды. Мира абдан уялды, баары аны: "аферисттин кызы тура деп кызын басынтып жаткандай сезди. Жаман абалда үйүнө жетип эле кайра шаарга жөнөп кетти. Шаардан жатаканага жашап кудайдан кечирим сурап, кызынын бактысын тилеп мечитке барып дабатка катышып, намаз үйрөнө баштады. Кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, жатса турса дагы дуба кылчу болду. Ошол бойдон эч келген жок, келиндин жарым себи менен көшөгөсүндө жолдун алыстыгына карап таенеси менен тажеңеси экөө эле келген. Альбина менен Нургелди ысыгы таркай элек, бири-биринен ажыраса эле издеп турат, ал Зиягүлдүн дагы кайненеси экенин билгенде Нургелдиден сурады:

- Нургелди, эмнеге сенин апаң экөө?

- Анткени атам жакшы киши, эки аял алган, - Нургелди күлүп калды.

- Апам ошого макул болду беле?

- Апам өзү алып берген.

- Чынбы? - Көзүн алайта сурады.

- Ооба, атамдын болбогон оюна койбой нике кыйдырган.

- Кызык тура, апам аябай жакшы киши экен ээ?

- Апам ошондой аял, биз каршы болгонубузга болбой койгон.

- Менин апам шаарда турат Нургелди, атам жок, демек эми апам да, атам да бар, - деп Альбина эркелей карады.

- Бактылуусуңбу Альбина?

- Аябай бактылуумун, сага жолукканыма, сенин ата-энеңдин келини болгонума абдан бактылуумун Нур! - Мойнунан бекем кучактап алды, - А сенчи, сен бактылуусуңбу?

- Бактылуумун жаным, - Ыссык өбүшүп алды.

- Мен сени сүйөм Нур, аябай сүйөм, сени жоготуп аламбы деп корккомун.

- Эмнеге?

- Сени келбей коебу деп, алдап кетти го деп ойлогом.

- Жинди десе, келем деп айтпадым беле?

- Ишенген эмесмин.

- Эмнеге?

- Ата-энең каршы болуп койсо кала берет элең да.

- Калмак эмесмин, сени таштап жүрө алмак эмесмин жаным, апам үйлөнбөй эле оку деди, а мен сенден ажырагым келген эмес.

- Чын элеби, мени унуткан жоксуңбу?

- Эч качан, бир минута дагы эсимден чыгарган жокмун.

- Алтыным десе, менин шумкарым!

- Менин көгүчкөнүм, - Экөө кучакташып алып көпкө үйдүн ортосунда өбүшүп турду, ушул керемет мүнөттөр эки жашты бакыттын канатында калкытып көктө сызган кош аккуудай бири-бири менен кыналышып тура беришти. Бир кезде эшикти ачып кирип келе жаткан Насипкан кайра артка боюн тартып алды:

- Нуру, келип тамак ичкиле балам.

- Азыр апа, - Нургелди келинчегин дагы бир жолу өөп, - Жүрү, чакырып жатат деди, колунан ала жетелешип кирип келген уул-келинин көргөн Насипкан ичи жылып кетти, - Тамагыңар таттуу болсун апа.

- Бирге болсун балам, отуруп тамагыңарды ичкиле, - деди Насипкан мээримдүү жылмая.

- Альбина сен апама качан кызмат кыласың? - деди Нургелди келинчегине.

- Нуру, Альбина кечээ эле келди, келин болуп чоочун үйгө келди, сыйлаш керек, өзү эле бир күнү алат баарын, - деди Насипкан.

- Апа, жасай берем, - деп Альбина тура калды.

- Кой балам, отуруп кардыңарды тойгузгула.

- Келиниңиз иш кыла албайбы деп ойлоп жатпайынбы, - Нургелди келинчегин карап күлүп калды, - Таенеси аябай эрке өстүрүп жадагалса чай куйганды билбейт экен да.

- Апа, калп айтат, баарын эле билем.

- Болду Нуру, тамакты тынч ичкиле, мен дүкөнгө кеттим, - Насипкан чыгып кетти, Нургелди келинчеги экөө тамактанып бүткөндөн кийин Альбина дасторкон жыйып идиш жууп, үй шыпырды, андан кийин кайненесинин төшөгүн салып берип анан өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Эсенгелди менен Амангелди эбак жатып уктап калышкан. Эки жаш бактылуу болуп жаңы жашоонун кадамын баштады… Мира абдан ойлонду, акыры такси жалдап алып, кыз-күйөөсүнө белек-бечкек алып айылды көздөй жөнөп кеч күүгүмдө келип калды, ал кызына учурашкандын ортосунда Насипкандан кечирим сурамак болгон.

- Келиңиз кудагый, жакшы жүрөсүңөрбү? - Насипкан анын келе жатканын көрүп чыга калып учурашып, тосуп алды.

- Жакшы жакшы, өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, келип калыпсыңар үйгө киргиле, - деп Насипкан үйүнө баштады.

- Ма-ама! - Альбина көрө калып жүгүрүп келип кучактап калды, - Мама качан келдиңиз?

- Азыр келе жатам.

- Түз шаарданбы?

- Ооба, өзүңөр кандай?

- Жакшы.

- Нургелди үйдөбү?

- Ал жумуштап кеткен.

- Өзүң элесиңби?

- Ооба, апам дүкөндө да.

- Ийи, - Мира унчукпай калды, Насипкан дүкөнүн жаап келип конок бөлмөгө алып кирди, Мира Насипкандан көзүн ала качып бирдеме айтууга аракеттенсе да айта албай турду. Альбина шыпылдай үстөл үстүнө тамак ашын алып келип толтуруп, чай алып келип куюп коюп кайра чыгып кетти.

- Насипкан, сенин алдыңда күнөөкөрмүн, жер тоголок деген ырас тура, мен сенден эмес кудайдан качкан экенмин, сени биринчи көргөндө өлбөгөн төрт шыйрагым калды, кечир мени Насипкан, көрсө кудурети күчтүү кудай шашпа деген тура, - деп дагы көп сөздөрдү айтып келе жатканда Нургелди кирди:

- Саламатсызбы апа?

- Саламат, жакшыбы балам?

- Жакшы, өзүңүз жакшы жүрөсүзбү? - деп учурашкан Нургелди кайра чыгып кетти.

- Мира, мени кандай азапка салдыңар, өңгөдөн итче ыргытып кеткениңер адамгерчилик эмес эле, мына кудайга шүгүр, жашоом ойдогудай, балдарым өсүп жатат, ал акчаны менден алып, бирок анчалык залимдик кылбасаңар болот эле го, бирок өлгөн жокмун, минтип кыз чыгарып, келин алып отурам…

- Алың жетсе кечир, бир гана айтаарым кызымды менин айымдан маскара кыла көрбө, ага айтпа, кокус менин күнөөлүү экенимди билсе ал өзүн-өзү жок кылып коюшу мүмкүн, кечир Насипкан бүт өмүрүмдүн калганын сенин кулуң болуп өтүүгө даярмын! - деп ыйлап ийди.

- Жаман ойдон алыс бол Мира, менин ордумда башка бирөө ошентиши мүмкүн, бирок балам сүйүп алган кызды маскаралоого дитим барбайт, башка бирөөгө да жол бербейм.

- Ыраазымын Насипкан, - Мира унчукпай калды.

- Көөнүңө жаман алба, кудай кошту кудагый болдук.

- Келген эле күнү мени кебез менен мууздадың, өлө албай тим болдум.

- Болду, унут баарын, - деп койду Насипкан, - Балдар келе жатат, угуп калышпасын. Экөө тең унчукпай калышты. Нургелди менен Альбина табак көтөрүп кирип ортого койду, анткени тамак жасап жаткан, даяр тамакты алып келип койгон соң Альбина апасына карады.

- Тайкем кандай жүрөт мама.

- Жакшы, баары жакшы, тайнең салам айтты.

- Сагынып кеттим тайнемди.

- Сагынсаң барасың да, шашпа кызым.

- Иштеп жатасызбы?

- Ооба, иштеп жатам, - деп ылдый карады, тамак ичип көпкө сүйлөшүп отурушту, балдар жыйнаштыргандан кийин Насипкан.

- Силер дүкөндү ача бергиле балам, мен кудагый менен эрмектешип отурайын, - деди эле Нургелдер чыгып кетишти.

- Адам деген жаңылыштыгын кеч сезет экен Насипкан, бирок мен өзүм жаман болуп жүрдүм, баары Анянын кесепети.

- Ал экөөңөр мурда тааныш белеңер?

- Жо-ок, эки күн мурун таанышканбыз, ошол жолдон чыгарып жатпайбы, мен дагы кызуу болуп жатып калыпмын, сени сурасам кетти деп койгон, ошол бойдон ал дагы менден качып кеткен, көрө элекмин ошол бойдон, - деп актанып жатты. Насипкан өзү кандай азап менен акча тапканын айтпады. Андан кийин аркы-беркини сүйлөшүп жатып анан жатууга киришти. Мира аз да болсо эс ала түштү, Насипкан кудайга ыраазы болуп өзүнүн эмки турмушуна шүгүрчүлүк кылып оор деп алып алды, Альбина тепилдеп жакшы келин болду, өзү билип жумушун жасай берет, эки кызды келгенде тосуп алып балдарын өөп-жыттап ойнотуп кээде аларга кошулуп ойноп да кетет. Айыл коңшусу Насипканга абдан суктанып, кээси көрө албагыдай абалга жетти, Эсенгелдини мектепти бүтөөрү менен окууга алып барып киргизип келди. Амангелди сегизге окуп калды, Бекмат эки үйдүн ортосунда, тиричилигин жасап жүрө берет, эки аялдын ынтымагы андан бетер таңгалдырат. Бир күнү анда, бир күнү мында болуп Бекматтын көңүлү толуп калган, уулу Тагайбекти жетелеп алат. Ал күндөн-күнгө Амангелдинин эле өзү болуп чоңоюп баратты, Амангелдини акелеп үйдө болгондо артынан калбайт.

Назгүл менен Ашым төрт баланы багуу менен алек болуп ынтымактуу өмүр сүрүп жаткан кез, Жазгүлү экинчи баласын төрөйүн деп турат, анын дагы кайын журту абдан жакшы адамдар, Садыржандар менен туугандары чогулуп жылда согум союп алышчу болгон, Нурмат шаардан келип атасыныкына бир айлап жүрүп калды, Гүланда дагы эле төрөй элек, күйөөсү аны жанындай жакшы көрөт, анын төрөбөй жүргөнүнөн улам Майрамкүл.

- Гүланда, врачка көрүнүп көрсөңчү, - деди бир күнү.

- Көрүнгөм апа.

- Эмне деди эле?

- Төрөйсүң деген, - деди күнөөлүүдөй.

- Нурмат деле отуз төрткө чыгып калды, балалуу болсо болот эле, биз картайып баратабыз, - деди Майрамкүл аста гана.

- Мен деле ойлонуп жатам…

- Аракет кыл, болбосо…

- Апа…

- Кой балам, бизди алдаба, сени мен өзүм көрсөтөм, Бишкекте жакшы гинекологдор бар, - деди Майрамкүл бүтүм чыгара.

- Макул, - деди Гүланда башын ийкей, бирок дал ошол кезде боюнда бар экенин билген эмес, ичи катуу ооруганынан чыдай албай врачка көргөзсө козголуп калыптыр, ооруканага жатып сактанмак болгон болбой эле түшүп калды. Майрамкүл чый-пыйы чыга аябай кейиди. Гүланда аябай ыйлады Нурмат барганда, анан шаарга кайтышты, ошол кезде анын апасы ооруп жаткан, анын ооруп жатканын угуп кайра айылдагы тагасынын үйүнө келди. Ал өтө катуу ооруп жаткан, жанында болуп жатты, Курманбектин аялы аны бир күнү дүкөнгө жөнөткөн, керектүүсүн алып дүкөндөн чыгып келе жатып Эрик менен беттешип калды.

- Гүланда, кайдан жүрөсүң?

- Ушул жактан эле, - деп өтүп кетти.

- Гүланда токтосоң.

- Убактым жок.

- Беш мүнөт токтой турсаң эми, - Алдына өтүп токтотту.

- Эмне жумушуң бар менде?

- Сени сүйөм Гүланда.

- Болбогонду сүйлөбөчү.

- Эмнеге, сени сүйөөрүмдү билесиң да.

- Ишенбейм, мен азыр турмушка чыккам.

- Калп, сен мага таарынып калгансың го, билесиңби, апам катуу ооруп Бишкекке алып кеткенбиз, эки жыл бою ооруп жатты, мен шаардан иштеп тапканымды апамдын дары-дармегине жумшап жаттым, - Эрик оор дем алып алды да, - Эмгегим кайткан жок, ошентип апамдан айрылдым, андан бери бир жыл болду, сени таппай калдым, жалгызмын азыр, эч ким жок.

- Кечирип кой, мен билген жокмун, арты кайрылуу болсун.

- Рахмат, - Эрик Гүланданы колунан кармады, - Сени катуу сагындым.

- Кой Эрик, азыр мен үйбүлөлүү адаммын, мен сени ошондо аябай күткөмүн.

- Кечирип кой, ошондой болуп калды.

- Түшүндүм, мен кетишим керек Эрик.

- Бир аз тура турчу эми.

- Апам ооруп жаткан, ошого келгем.

- Жолукпайлыбы?

- Жо-ок, жолуга албайм, - деп ылдам басып кетти Гүланда.

Эрик анын артынан бара берди, Курманбектин үйүнө кирип кеткенде гана кайра артына жөнөдү, "Бул күйөөгө тийдим деп калп айтып жатат, таарынып калган го, эми эптеп сүйлөшөйүн, жалгыздык жаман экен, эми үйлөнөм, сөзсүз үйлөнөм", - деп ойлонуп үйүнө кетти. Гүланда апасы бир аз баш көтөргөнчө болуп анан кетмек, бирок Сайкалдын абалы улам начарлай берди, Курманбек ооруканага алып барайын десе болбой койду, үч күн өткөндө Эрик кечке маал Курманбектин үйүнүн айланасында акмалап жүрдү, бийик коргондуу үйдүн бир жак четинен үйдөн чыккан кирген адамдар көрүнүп турчу, байкап туруп Гүланда көрүнгөндө:

- Гүланда! - деп үн салды Эрик, эки жагын каранып туруп калды, - Гүланда-а!

- Ки-им!

- Мен, бери бассаң, - деди эле дарбазаны көздөй басты, Гүланда дарбазага келди:

- Сен кимсиң?

- Мен Эрик, бери чыксаң.

- Эмнеге келдиң Эрик? - Дарбазаны ача койгондо Эрик аны шарт өзүнө тартып алды да кучактап өөп туруп алды, - Эрик, эмне кылып жатасың кое бер! - деп бошонууга аракет кылды эле ал кое бербей .

- Сагындым сени Гуля.

- Куру сөздү койчу, күйөөм бар.

- Койчу калпыңды.

- Чын айтам, эртең күйөөм келет.

- Мени алдабачы жаным, таарынганыңды билем, - деп дубалдын арт жагына жетеледи.

- Кое бер Эрик, менин турмушумду бузасыңбы?

- Сен мени алдап жатасың, сени мен сүйөм.

- Жок, күйөөм мени сүйөт, ал мени ушунчалык сүйөт Эрик, мени андан ажыратпа, - Колун тартып бошонууга аракет кылды, бирок карылуу колдор аны кое бербей жатты.

- Гуля, мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, мени кечир жаным, керек болсо азыр эле алып кетейин макулсуңбу?

- Жинди болдуңбу, күйөөм бар, Бишкекте үйүбүз бар Эрик, убалыма калба! - Гүланда ыйлап ийди.

- Мен сага ишенбейм, мага таарынып эле калп айтып жатасың, - Эрик аны ого бетер бекем кучактап алып өөп алды, - Мен сени эч кимге бербейм.

- Суранам Эрик.

- Макул дечи, алып кетейин.

- Жинди болбо Эрик, азыр күйөөм чалып калышы мүмкүн.

- Калп айтпа Гуля, - деп болбой жетелеп үйүнө алып кетмек болгондо Гүланда жини келе колун силкип алды да түртүп ийди.

- Калп айтканым жок, сен мени алдагансың, эки жыл күттүм, ошондо кандай келбедиң, мен эми өз бактымды тапканда тоскоол болбо, мени кечир, өз жолуң менен бол!

- Гуля, сен ушинтип мени таштадыңбы?

- Тагдыр ушундай экен, мени тынч кой Эрик суранам.

- Макул эми Гуля аман бол бактылуу бол.

- Рахмат, сен дагы бактылуу бол кош, - деп кирип кетмек болгондо Эрик аны бекем кучактап алып өпкүлөп жанталаша көкүрөгүнө колун салып эки эмчегин кармап алып:

- Жаным, сени колдон чыгарып ийген экенмин да, бүгүнкү түнүңдү мага арнап койчу, - деди бүткөн боюн сыйпалап кийимин өйдө түрүп оозунан өбө баштаганда Гүланда дагы көздөрүн жума колдору жигиттин мойнуна асылды, айлана караңгы болгондуктан иттин үргөнү гана угулуп, ар кайсы жактан эшиктин айкырганы, уйдун мөөрөгөнү болбосо тынч. Эрик келинди бурчтагы далдоого көтөрүп барды да күндүн суугуна карабай, куураган чөптүн түбү сороюп турган тикендүү жерге жыкты. Бул махабаттын ырахаттуу көз ирмеми экөөнү мамык үстүндө жаткандай шымалана балкытып бир топто барып анан өйдө болуп үндөбөй эки бөлүнүп кетишти. Гүланда шымалана эки жагын каранып ичке кирип кетти.

- Гүланда, кайда кетип калдың? - деди апасы капалана, - Жөн жүрсөң болбойбу?

- Эмне болду апа, Салима келиптир, сүйлөшүп туруп калдым.

- Күндүзү келбейби, караңгыда эмне кылып жүрөт.

- Жөн эле учурашканы келиптир.

- Мейли кызым, Нурмат келсе кете бер, кудай буйруса жакшы болуп калдым.

- Эртең келет Нурмат, кете берейинби?

- Кете бер балам, күйөөң жакшы жигит, ушул турмушуңду бузуп алба, - деп кейип-кепчип кирди, - Төрөп алсаң болот эле, сен мазарды тайыбасаң болбойт.

- Эмнеге апа? - Гүланда чоочуп кетти.

- Сен тайышың керек, бир аз сакайып калсам бирди союп мына бул өзүбүздүн эле мазарды тайытайын дедим эле…

- Кайсы мазар болсо деле жарай береби?

- Боло берет, алланын алдында арбактар бирдей балам, - деп эне кызынын келечегинен кабатыр болуп жатты.

Бекмат үйүнө келгенде Насипкан ой тилегин айтты, ал ага макул болуп кеңешип отуруп туугандарын чакырып той берүүнү чечип кыз-күйөөлөрүн алдырып келди. Бирди союп кеңеш курушту. Уул-келинин адегенде закска алып барып анан үлпөт тоюн өткөрмөк болушту. Тойго бир бээ соймок болушту, кудаларын, тели-туштарын, туугандарына чакыруу билетти Нургелди менен Альбина сүрөткө түшүп анан жасатып келишти. Ошентип той башталды. Насипкан айыл ичиндеги ырдап жүргөн ырчы үйбүлөнү чакырып койду. Видео тасма тартуучуну дагы алдырды. Бул тойго Кадыржан менен Садыржан дагы келген, куда тараптан, Куржунбай кудасы дагы туугандары менен келди, анткени тойду абдан катуу даярдап жатат деп угушуп кызыккандар мындан көп эле: "Тойго куш канатын салып өтүптүр", - дегендей эле кызыктуу тойго келчүлөр абдан көп болду. Нургелдинин курбу-достору да бар. Нурмат атасы менен бирге келген. Эшигинин алды узунунан коюлган үстөлдө уяттуу коноктор өзүнчө, жаштар өзүнчө отурган. Тамада тойду ачып, кудалар менен бир туугандарына сөз берилип той өз кырааты менен музыканын коштоосунда шаңдуу өтүп жатты…

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз