Айгүл ШАРШЕН


"Зонада өткөн өмүр"


Бир миң тогуз жүз токсон жетинчи жылы түрмөдөн: "Күкүк" деген кличка менен бошонуп чыкты, шарак этип ачылган түрмөнүн эшигинен олбурлуу, кабак-кашы бийик, бирөөгө эч кандай жакшылык кылбоочудай көрүнгөн кырктардагы адам чыгып, көөнөргөн көйнөгүнүн көкүрөгүн эки жакка ачып койгон, жонунда эскилиги жеткен капчаны көтөрүп алган, эки жагын карана эркиндикке чыгып, таза абадан кере жутуп алып кадамын жай шилтеп жөнөдү. Кайда бараары өзүнө дагы белгисиз, айылга баргысы келбеди, апасы эбак өлгөн, аялы бир баласы менен күйөөгө тийип кеткенин уккан: "Кайран өмүр", - деп оор күрсүнүп алды. Бул бир кезде жалган көрсөтмө менен өзүн-өзү түрмөгө түшүүгө аргасыз болгон Шамбет эле. Тааныштары аны эбак унуткандыр, туш келди басып баратып: "Кой, айылга барып апамдын мүрзөсүнө куран окуп кайтайын", - деп ойлоду да аялдамадан түз кете турган унаага отурду. Айыл демекчи шаардын эле четиндеги өзү туулуп өскөн, балалыгы менен өткүр курагы өткөн жери Күн-Туу айылы. Атасын көргөн жок, төрөлгөндөн алты ай өткөндө ооруп көз жумган экен, Шамбет чет жактагы дүңкүйүп комсоо, кунарсыз үнсүз жаткан тааныш көрүстөндүн тушунан түшүп калды. Андан ары бир топ басуу керек, мээ кайнаткан ысыктан бутундагы батинкасы тердетип жиберди. Тердеп-тепчип эптеп дөңдөгү көрүстөнгө жетти, өзгөрүлүп заңкайган күмбөздөр, баалуу таштан жасалган эстеликтер толуп кетиптир. Апасынын мүрзөсүн кайдан тапмак, апасынын көргөзгөн ташы менен короологон эски мүрзөнү таап келип четине отурду, анан ата-энесинин арбагына багыштап куран окуду. Жанындагы бышкан кыштан салынган күмбөздүн көлөкөсүнө көпкө отуруп өткөн өмүрүн көз алдынан өткөрө баштады…

Сайкал абдан жашында турмушка чыккан, ал кезде төртүнчү класс билим барларды алыскы айылдын балдарын окутууга мугалим кылып койчу. Сайкал ошентип зээндүүлүгүнөн улам балдарды окутуп жүргөндө атасы күчкө салып күйөөгө берип койду, үч эркектин ичиндеги жалгыз кыз, атайын кыз Сайкалдай болсун деп атын Сайкал коюшкан. Он бешинде күйөөгө тийген Сайкал жашоо, турмуш эмне экенин деле анча биле берчү эмес, бактыга жараша кайненеси жакшы болду, анткени Чыныбай алардын жалгыз уулу эле. Чыныбай келе жатканда жүктүн бурчуна кире качып аябай коркуп жүрдү, анын бул кылыгына күлкүсү келип:

- Сайкал, сен менден качпа, мен сенин күйөөңмүн да, - деп бир күнү бекинген жеринен тартып алды.

- Корком да сенден.

- Эмнеге коркосуң, мен сени жакшы көрөм, аялым болуп калдың, эми сен мен келе жатканда тамак даярдап, кийимдеримди таза жууп тосуп алышың керек, - деди бооруна кыса. Жыйырма бешке чыгып болуп толуп турган кези, өзү дагы күрөшкө чыгып, улак тартып баатыр-балбан мүчөлүү Чыныбай келинчегин өзүнө тартып, жаштыгын, балалыгын эске алып эркелетип алчу. Бирок ата-энесинин көзүнчө кайдан, алар бир аш-тойлорго кеткенде ээндетип жанында боло калчу, ыймандуу жигит келинчегин акыры өзүнө көндүрүп алды. Атасы Кулунбай менен апасы Шаарбү да келинин кызындай көрүп уктаса уктадың дебей тим койчу, эки жылга аяк басканда гана боюна болуп ушул Шамбеттин атасы Кадырбайды төрөгөн. Келининин көзүн карап, дагы да төрөп, тукумубуз көбөйсө деп тилеген ата-эне Кадырбай онго чыкканда катар-катар өтүп кетти. Кадырбай төрөлгөндө Чыныбай менен Сайкал али жаш эле, ата-энеси өтүп, турмуштун ысык-суугун баштан өткөрүп калганда гана уулунун жалгыз болуп калганын сезип кейип жүрүштү. Бирок элдин, улуулардын айтымында булардын тукумуна каргыш тийип: "Тукумуң өспөсүн, өссө бирден ашпасын", - деп ата-бабасына чейин каргыш кеткенин айтып калышчу. Кадырбай жыйырма бешке чыкканда аны үйлөндүрүп өздөрүнчө үй салып беришти, Толгонай апаппак жүздүү, эки бетинин отуна эндик сыйпагандай тарам-тарам кызылы бар толукшуган, он жетиге жаңы чыккан кыз, Кадырбайга бир көрсөткөндө жагып калды да үйлөндү. Ата-бабадан келе жаткан салт менен кызды кол менен жар-жар айтып, энеси менен жеңеси кошок кошуп, чачын экиге бөлүп өрүп үйдөн узатышты. Сайкал кайненесинен таалим алгангабы же өз энеси салт-санааны, үрп-адатты билген аялбы, өтө жакшы аял эле. Кырчындай күйөөсү өлгөндөн көп өтпөй эле төшөккө үч күн жатып көз жумду. Кадырбай ошондо гана жетимдик эмне экенин сезди, колдорунда эки айлык уулун эрмек кылып кайгы касиреттен кутулуп баштаган, бирок тагдырдын тайгүлүк ташыбы уулу Шамбет алты айлык болуп калганда оорубай туруп эле бул өмүрдүн кызыгын эми сүрөөрдө өтүп кетти. Толгонай көз жашын көлдөтүп, уулун бооруна кысып он жети-он сегиз жашында жесир калды, же агаларына барып, же эжелерине даттанбады, жалгызы Шамбетти канат-бутак кылып жашап калды. Көлдөгөн көз жашы кургап, улам жылдар өткөн сайын уулу чоңоюп караан болуп баратты, ал кезде унду килдеп берип Хрущевдин заманы болуп турган, чакмак канты өзү ичпей уулуна чагып сактап берээр эле. Мектепке окуп калганда өзү жетелеп барып, сабактан чыгаарда барып күтүп туруп алып келчү. Ошентип жылдар жылып өтүп Шамбет мектепти бүттү, сабакты жакшы окуган жок, эптеп профтех училищасына кирип шопурлуктун күбөлүгүн алып иштей баштады. Толгонай он сегиз сом пенсиясы менен күн көрүп жыйган-тергенин чогултуп келин алды, келини жаман чыккан жок, өзүнө кайрымдуу, болгону төрөбөй беш жыл жүрүп анан уул төрөдү, ошондо кубанганын айтпа:

- Каралдым, уулумдун тукум улаары, - деп наристенин чекесинен өөп келинине ак батасын берген эле. Шамбет жүрүп-жүрүп директордун шопуру болуп калды. Директор абдан каардуу адам, Шамбет ага жагып калды, чоңдор келсе атайын мейманканада тосуп кой союп келин-кыздар кызмат кылат. Шамбет аялын мейманканага иштетип койгон, Бектурсун Дөөлөталиевич Кундузга көзүн агытып калып, Шамбетти колдоп, узак жакка жумшап жүрүп бир айдан кийин эле кайра Шамбетти совхоздун ветврачынын шопуру кылып өзү башка шопур алды. Убакыт өткөн сайын Кундуздун түрү өзгөрүлүп, күзгүнүн алдынан кетпей, уулу Аргенди кайненесине берип жумуштан бошобой кала турган болду. Жумуштан кеч келип, эрте кеткен Шамбет аялына анча көңүл бөлүп же этибар алган жок. Бир күнү кеч келсе жаш бала менен апасы Толгонай жалгыз отуруптур, эки жакты карап аялын издеген Шамбет:

- Апа, Кундуз кайда кеткен? - деди уулун эңкейип өөп жатып.

- Кечигип жатат го балам, дагы коноктор бар го?

- Эмнеге? - Шамбет ачуулуу сыртка чыгып кетти, ал мейманканага жөнөмөк болуп машинасын от алдырып дарбазадан чыга бергенде алдынан Кундуз көрүндү, ачуулуу Шамбет дароо унааны токтотту да түшүп жетип карыдан алды, - Кайда жүрөсүң ыя?

- Сага жин тийдиби, жумуштан кеч чыктым.

- Жалгыз калып эмнени бүтүрүп жүрөсүң, же жалгыз сага жүктөлгөнбү?

- Коноктор келиптир, Айжан менен Сагын үчөөбүз калганбыз, - Кундуз корккон түрдө элеңдей жооп кылды.

- Жөө келдиңерби? - деди Шамбет жоошуй.

- Жок, машина келе жаткан экен, жолдон түшүп калдык.

- Мындан ары мынча кечикпей баса бер! - деди да кайра унаасын айдап үйүнө кирди, Кундуз коркконунан калчылдап кеткен эле, дарбазадан кирип "Өх", - деп алды, анан колундагы көтөргөн баштыгын көтөрүп кайненеси отурган бөлмөгө киргенде:

- Балам кайда жүрөсүң, кечикпей келсең боло, Шамбет сени издеп кетпедиби, - деди наалый Толгонай.

- Мен ойноп жүрүптүрмүнбү, эрте кел, эрте кел дешет, - Кундуз кайненесине бултуңдай ички бөлмөгө кетээрде артынан кирип келе жаткан Шамбет жини келе бакылдады:

- Бу сенин тилиң узарып калган го, мага тил кайры андан көрө, апам сага эмне кылды?

- Мен ойноп жүргөнсүп экөөңөр тең асыласыңар…

- Болду, мындан ары иштебейсиң, карыган неме бала карап кыйналып калды, буту чыгып өзүнчө болгуча үйдө отур!

- Эмнеге иштебейм, үйдө отурсам буларды ким бермек эле? - деп Кундуз баштыгындагы семиз этти табакка салып булкунганда Шамбет кайрадан жинденип кетти.

- Мен сени ачка кылдымбы, сенсиз дагы баарын өзүм алып келип жатам, тапканыңды милдет кылбай үйдө отур!

- Кой балам, мен үчүн урушпагыла, иштесе иштей берсин, бармактай баланы бакпаганда эмне, кыйналган деле жокмун, - Толгонай уул-келинин урушуп кетеби деген ойдо басмак болду, - Иштеп оокатыңарды кыла бергиле.

- Иштебей эле койсун.

- Болуптур, иштебесе иштебей эле койдум, - Кундуз урушту ырбатпайын деген ойдо кийимин алмаштырып келип дасторкон жайып чай алып келди, Шамбет апасын кейитпейин дедиби унчукпай отуруп калды. Ошол бойдон сөз уланбай Кундуз ичинен кыжаалат болуп Дөөлөталиевичтин өзүнө шыбырап: "Алтыным, сен меники гана болушуңду каалайм, күйөөңдөн ажырашсаң сени шаардан үй алып киргизип коюп билгизбей жүрө берет элек", - деп моюн башынан өпкүлөп жалынганы кулагынан кетпей тымызын улутунуп алды: "Өлүп кеткир десе, баламды алып туруп Бектурсун менен макулдашып таптырбай кетип калбасамбы", - деп күйөөсүнө жини келип алды. Таң заарынан Шамбет кеткенден кийин келинине:

- Балам, эр деген тескейт, кызганат, силер азыр жашсыңар, эртерээк келип жүр, - деди аста үн катып.

- Мен эмне ойноп жүрүптүрмүнбү, минте берсе баламды алам да кетем, же мен бирөө менен кетип жаттым беле, керээлди кечке кол бошобой иштейм, калган катканды көтөрүп келем.

- Кой айланайын, мага булкунбай үйбүлөңдү сакта, кетем десең кетип деле каласың, сага эр жокпу, Шакенге катын жокпу. Ортодо мына бул балага гана кыйын болот, - Толгонай саал ачуусу келгендей чыйрыга сүйлөдү. - Кетсең жеңил баа болосуң, Шакен жокто айтайын, сенин директор менен ушак болуп баратканыңды бир гана уулум билбейт, - дегенде Кундуз бир саамга нестее түштү да:


- Айткандар балакетимди алсын, сиз ошого ишенип Шакенди тукургуңуз келип жатабы? - деп алая карады.

- Аа-а балам ай, мен силерди бузуп эмне кылам, кара чечекейимдин алганы көзүнө чөп салып жүргөнүн угуп ичим ачышса да неберемди ойлоп, үйүңөр бузулбасын деп тилимди тишиме катып отурам, эсиң барда этегиңди жый!

- Жыйбасам билгениңерди кылгыла, мен төркүнүмө кетем! - деп уулун уктаган жеринен алып кийинте баштады. Отурган жеринен козголбогон Толгонай токтоо:

- Төркүнүңө эмне деп барасың балам, Шакен сени чекеңен чертпесе, же директор менен сөзүң бүтүп калды беле, ошондо дагы атаң жаман киши эмес, жылан чакпай, жылкы теппей жетип барсаң намысынан бирдеме болбосун, али төркүндөрүң дагы баарын уккандыр? - деди эле отурган жеринен козголо албай ыйлаган бойдон кайненесинин жүзүнө тик карай албай уулун кучактап солкулдап жатты.

Көптө барып уулу Аргенди жаткырып коюп сыртка чыгып кетти, ал жумуштан чыгууга арыз таштамак болуп канторго барды, Бектурсун Дөөлөталиевич келе элек экен, секретар кыз аны көрүп эле:

- Эже, кандай жумуш менен келдиңиз эле? - деди күлүмсүрөй.

- Жумуштарым бар.

- Сиз дагы кабинетке келет экенсиз ээ?

- Эмнеге келбейт экенмин? - Кундуз аны алая карады, Кыял деле бир күйөөдөн чыккан келин болчу, өзүнө көңүл бөлбөй Кундуз менен жүрөт деген ушакты угуп өзүнчө ич күйдүлүгү бар эле.

- Дөөлөталиевич балким сизге өзү жолугаар, - деди кекээрлүү.

- Байкап сүйлө Кыял, болбогон сөзгө…

- Эмне болуп жатат биерде? - деп директордун жардамчысы Калысбек Нурмамбетов чыга калганда эки келин унчукпай калды.

- Мен жумуштан кетүүгө арыз таштайын дедим эле, - Кундуз мукактана карады.

- Секретарга таштап кете берсеңиз болот, - деп Калысбек дагы сырдуу жылмайып койду.

- Жарайт, - Кундуз калем кагаз алды да эми арыз жаза баштаганда сырттан үч-төрт адам менен Дөөлөталиевич кирип келди да Кундузду көрүп:

- Кундуз, тезинен мейманканага бар, райондон кишилер келе жатат, сыртта машина бар, - деп коюп кабинетин ачып кирип кетти. Кундуз эмне кылаарын билбей Калысбек менен Кыялды караса алар ийин куушуруп тим болушту, бирок Кундуз бул оюнду тереңдеткиси келбеди, Шамбеттин кыялын билчу, кокус билип-туюп калса өлтүргөндөн кайра тартпайт. Алдындагы кагазга арызды жазды да Кыялдын алдына таштап чыгып кетти, бир кезде Кыялды директор чакырганда кирип:

- Чакырдыңызбы? - деди.

- Нурсейитова кеттиби?

- Ооба.

- Жакшы, сен дагы даярдан, конок тособуз, колхоздун өлүм-житими боюнча текшерүү келе жатат, зоотехник кайда?

- Азыр эле кетти, кашарларды кыдырууга.

- Жакшы, иштей бер.

- Бектурсун Дөөлөталиевич…

- Эмне болду?

- Нурсейитова жумуштан чыгууга арыз ташта…

- Эмнеге?! - Дөөлөталиевич ордунан тура калды.

- Билбейм.

- Алып кел арызын.

- Жарайт, - Кыял кабинеттен чыгып барып арызды алып кайра кирди, директор ачууланганыбы, же Кундуздун кеткенине ичи ачышып турабы, айтор колдору калтырай кагазды сыдыра окуп кирди да башын көтөрүп:

- Бара бер, - деди Кыялга, - Шоферду мага чакырчы!

- Жарайт.

- Да-да-а, демек себеби бар экен, баласы жаш, кайненеси кары-ы, - деп Дөөлөталиевич ызалуу, кыжырлуу жылмайып жанындагыларга кайрылды, - Демек иш чачтан көп, малдын өлүмү мындан, колхозчулар жетишпейт, жаштар шаарга качышат, үйдөгүлөрүнүн минтип себептери бар.

- Ошондой, Бектурсун Дөөлөталиевич, - деди бири ордунан копшоо.

- Уруксатпы? - деп баш бакты ошол убакта шоферу Жунус.

- Кир, сен азыр барып Нурсейитованы чакырып мейманканага алып бар, бүгүн эртең иштеп берсин де, анткени райондон текшерүү келе жатканын түшүндүр.

- Жарайт, түз эле мейманканага алып барайынбы?

- Ооба, түз эле.

- Макул, - Жунус кайра чыгып кетти.

- Эми экөөңөр текшерүүчүлөрдү жакшылап тосконго аракет жасагыла, кабарчыларынан этият болгула, кыскасы ишти иги-жиги жок бүтүрүүбүз керек, өлүм-житимдин көптүгү областка жетсе биз оңбойбуз.

- Жарайт, кетүүгө уруксатпы? - Тигил экөө ордуларынан тура калышты.

- Жөнөгүлө, - деди ачуулуудай бурк этип Дөөлөталиевич, алар чыгып кеткенден кийин кыжаалаттанып, отуруп кайра туруп кабинетинде ары-бери басып жатты: "Жо-ок Кундуз, мени минтип таштап кете албайсың, аялым менен балдарымдан да ашык көрүп сен деп жашап калганымда сени эч кайда кетирбейм, жакында Гуляны санаторияга жөнөтөмүн дагы экөөбүз качып кетебиз", - деп тынчы кетип жатып ордуна отуруп үстөлдү бир муштады. Тарс эткен добуштан улам Кыял кирди:

- Бектурсун агай, сизге эмне болду?

- Эчтеке, ордуңа бар! - деди эле Кыял кайра чыгып баратканда аны токтотту, - Көк чай демдечи.

- Жарайт.

- Баса, сен кете элексиңби?

- Мейманканага жөө бара албайм го?

- Анда Жунус келсин, - деди да башын мыкчый отуруп калды, Кыял көк чай алып келип куюп сунду эле, - Бара бер, - деп койду.

- Агай, Нурсейитова кетем дегенге ушунча капаландыңызбы? - Кыял көзүн сүзө кылыктуу карады.

- Эмне-э?

- Ушактар жетсе керек…

- Кандай ушак?

- Сиздер жөнүндө, билесизби элдин көзү көрөгөч, кулагы узун, жүрөгү сезгич келет, анын үйбүлөсү бар, - деп Кыял кыска юбкасынан көрүнгөн узун шыйрактарын учкаштырып туура жактагы отургучка отуруп алып атайын өзүн көрсүн дегендей жылмайды.

- Биз жөнүндө кандай ушак, ал өз ишинде, - деген менен директор секретарынын сөзүн ойлонуп калды: "Демек ушундай экен да, күйөөсүнө да жеткендир, жумуштан чык дегендир".

- Агай, бойдоктор турса күйөөсү барлар...

- Токтот сөзүңдү! - Бектурсун үстөлдү муштап жибергенде Кыял ыргып турду.

- Кечиресиз, - деди да кабинеттен шашыла чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич тынчсызданып жинденип жатканда кабинетти тыкылдатып калды.

- Кир.

- Аксакал, Нурсейитованы алып бардым, - деп Жунус кирди.

- Жакшы, кеттик анда, - Бектурсун кубангандай ордунан ыргып турду, - Түз эле мейманканага жеткир дагы, мен дайындагандарды алып кел.

- Жарайт, аксакал, - Жунус аста жылмая жетекчисинин артынан чыгып, ээрчише машинага отурушту. Алар мейманканага келгенде Кундуз көңүлсүз бөлмөлөрдү желдетип, отургучтардын чаңын сүртүп жүргөн. Бектурсун Дөөлөталиевич Жунусту жөнөтүп жиберип мейманканага кирип адегенде ашканадагыларга жолугуп келээр меймандарга кандай кам көрүү керек экенин дайындады да кайра бөлмөлөрдү кыдырып Кундузга жолукту.

- Кундуз, эмнеге иштегиң келбей калды?

- Шартыбыз ошондой болуп жатат…

- Кундуз, биз сүйлөшүшүбүз керек, азыр иштей бер, кечинде жолугабыз.

- Болбойт агай, күйөөм кечикпей кел деп урушуп жатат.

- Эч нерсе болбойт, ошону чечебиз, - деди да Дөөлөталиевич чыгып кетти, Кундуз унчукпай кала берди, ага баары бир болчу, мансаптуу адамдын аялы болуу ал үчүн бакыт эле…

Шамбет кечке ветврач Кангелдиев менен жүрүп кечинде аны мейманканага алып келди, Кундуз өз ишинде жүргөн, Айжан менен Сагын тамак-аш жасап жаткан, Сагын Айжанга шыбырап калды эле ал Шамбетти карап алдынан тосо тамашалап калды.

- Келген экенсиз, жок жоготтуңузбу?

- Иш да иш, шефти алып келдим.

- Кундуз эмнеге иштен чыгам деп жатат?

- Өзү билет да.

- Кой-кой, эркектер аарыдай чагып коесуңар да билмексен болуп каласыңар, жакшынакай ишинен чыгарып алып эмне кыласыңар?

- Жаш бала менен апама кыйын болуп жатпайбы?

- Баса элекпи?

- Жок, али сегиз ай эми болду.

- Жаш экен.

- Ошондуктан өзү чыгам деген го? - Шамбет эки жагын карана Кундузду издегендей болуп калганда Айжан:

- Ал бөлмөдө, коноктор түнөшөт экен, түнү менен коноктордун көзүн карайбыз го, анан калса директор дагы коркуп жатат окшойт, быйылкы төл кырылып, өлүм-житим көп экен, ордунан ыргып кетемби деп бүлкүлдөп жатат, - Айжан шыбырап көзүн кысып койду.

- Эсебин табат да, алар да адамдар, мындайдын далайын тынчыткан.

- Ким билет?

- Кой, мен Кундузга жолугайынчы.

- Сагынып кеттиңби? - Айжан тийише күлүп койду.

- Жөн эле жолукпайынбы, - Шамбет ага жооп кыла күлүп ары кетти, Кундуз диванда ойлуу отурган, күйөөсүн көрүп тура калды,

- Эмне болду?

- Эч нерсе, шеф менен келдим.

- Аа-а.

- Сен эмне, жумуштан чыгам дедиң беле?

- Ооба, - деди Кундуз суз.

- Өзүң бил, чыксаң чык, иштесең иштей бер, - деди Шамбет анын жанына отуруп, ошол убакта "комиссия келди", - дешип дүрбөп калышканда Шамбет сыртка чыгып кетти, конок бөлмөдө тамак аш жайнап кабарчы менен райондун жетекчилигинен келгендер ичке кирип орун алышканда колхоздун атка минерлери Бектурсун Дөөлөталиевичтен ылдый орун алышты. Ошол түнү алардын оозун да, колун да майлап жайгарып баары жайында дедиртип документтерин бүтүрүп жолго салышты. Ал күнү Кундузду Шамбет өзү алып кетти. Бектурсун унчукпай кала берди, алардын сырын жакшы билген Айжан менен Сагын бири-бирин тиктеп коюп өз-өз үйлөрүндө кала беришти. Бектурсун Дөөлөталиевич өзүнчө бир ой ойлонуп жатты, анын оюнда Шамбетти эптеп жок кылуу эле: "Кандай кылып көзүн курутсам экен, Кундуздан ажырабаштын бир гана жолу Шамбет, аны же түрмөгө каматып, же өзүнүн көзүн тазалоо керек, эч ким күнөөлүү болбогондой кылып", - деп ойлонгон менен кандай кылаарын билбей жатты. Эртеси Кундуз күндөгүдөй эле Шамбет менен жумушуна чейин жетип калып калды, эч нерседен капарсыз өз ишине жөнөгөн Шамбет: "Эмнеге уруштум экен, татынакай аялымды кимдендир кызганганым го. Кой, балабыз турат, иштей берсин", - деп көңүлдүү ышкырып коюп өзүнүн шефине жөнөдү. Кундуз келсе эч ким жок экен, ойлуу ичке кирип диванга жатып уктап кетти, аңгыча Айжан менен Сагын келип калды, алар ар кайсыны айтып тамашалашып отурганда Жунус келип калды.

- Кундуз, мейманканага керектүү буюмдар келиптир, өзүң барып керектүүлөрүн алсын дейт шеф, калганын бала бакчага берет экен, - деди баш багып эле.

- Макул, - деди да сыр билгизбей тура жөнөдү, ал билет Бектурсун атайын чакырчу, чынында материалдар келген, мурун дагы келип Кундуз жаңы-жаңы одеал менен жаздыктардан алып калган, эми дагы ошондон пайдаланаарын сезип кудуңдай кетип жатты. Жунус адегенде эле Дөөлөталиевич күтүп турган жерге алып барды да өзү калып калды, Кундузду арт жагына отургузду да өзү айдап алып ээн жакты көздөй айдап жөнөдү.

- Кундуз, мен сени менен жакшылап сүйлөшөйүн дедим эле, - деди көптөн кийин Бектурсун Дөөлөталиевич.

- Эмнени?

- Биз жакында кетишибиз керек.

- Кайда? Кантип?!

- Сен качып кеткен болосуң, мен сени шаарга дайындуу үйгө жиберем, мен кийин барам.

- Ата-энемдер эмне дейт?

- Эч нерсе дебейт, кийин кабарлашып аласың.

- Сиз мени баары бир жөн гана эрмекке алып кетесизби?

- Ал эмне дегениң, мен сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиңби?

- Ооба билем, бирок сиздин үйбүлөңүз бар, мен сизди канчага чейин күтүп өмүр өткөрөм, кокус боюма болсо атасы сиз экениңизди айта албай, балдарым нокотек төрөлөбү? - деди Кундуз куулук менен Бектурсун Дөөлөталиевичтен так жооп уккусу келип.

- Бир аз чыдасаң мен жаныңда болом, үйбүлөм айылда калат, колхоздон кетүүнүн амалын ойлонуп жатам, жакында аялымды санаторияга жөнөтөм, анан сени шаардагы досума телефон чалып дайындап райондон өзүм узатам.

- Баламды кантем, Шамбет мени ит менен издейт, ансыз дагы ал эчтеке укпай жүрөт, элдин көбү билип калды, кайсы күнү өлтүрүп коет деп өзүм дагы коркуп жүрөм.

- Ким билип калыптыр?

- Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа деген…

- Кундуз, мен сени күйөөңдөн кызганып жүрүп өтөмбү, андан көрө сени алып кеткеним жакшы, - деп Бектурсун Дөөлөталиевич унаасын токтотуп арткы эшигин ачып Кундуздун жанына келди, - Келчи, адегенде сагынычыбызды таркатып алалы, - деп келинди кучактап басып калды, - Сенин айыңдан бүт жумушту таштагым келип жүрөт, жаным!

- Кадыр-баркыңызды бир аял үчүн түшүргүңүз келеби? - деп Кундуз улуу киши экенине карабай бүт денесин бош таштап дилин, жүрөгүн тартуулап кыткылыктап жатты.

- Сен үчүн баарына барам, партиядан чыгарса дагы кайылмын!

- Ыраспы?

- Чын айтам Кундуз, мен башкаларды башкарганым менен, сенин алдыңда бир эркекмин, - Жанталаша өпкүлөп жатканда Кундуз үнүн чыгара онтолоп колдорун карылуу эркектин жонуна бекем аткый акыштанып жатты. Көптө барып шалдая кучакташып жатып калды да жерге түшүп суу жээгине барып жуунуп келип Бектурсун ала келген тамактардан жеп, ширин винодон ичип кучакташа өпкүлөшүп дагы көпкө отурушту.

- Менин күйөөм ушунча эл уккан сөздү укпай керең болуп жүрөт, кайненем билет экен, этият бол деди, - Кундуз Бектурсунду карабай туруп айтты.

- Кантип, кайненең угуп калыптырбы?

- Эбак угуптур, кетейин десем кетирбей койду.

- Анда кайненең жакшы киши го, болбосо баласынын көзүнө чөп салган келинге жакшы айтмак беле? - деп Бектурсун Дөөлөталиевич ойлонуп калды.

- Ооба, кайненем абдан жакшы аял, эсиң барда этегиңди жый деп кайра акыл айтты, - Кундуз улутуна карады, - Мейманканага жабдуулар келгени чынбы?

- Ооба-ооба, каалаганыңды кечинде Жунус менен жеткирип ал, жакшы матрацтар менен одеалдар келиптир.

- Макул, сиз эмне десеңиз ошондой болот, - Кылыктана күлүп койду, - Агай, мага бир кой керек болуп жатат.

- Качанкыга?

- Үч күндөн кийин баламдын туулган күнү.

- Үйүңө жеткирип берейинби?

- Ой жо-ок, кайненем ошондо мени кандай кылаар экен, ансыз дагы кебез менен мууздап отурат.

- Анда кандай кылабыз?

- Сойдуруп берсеңиз эле мейманканадан өзүм алып кетем.

- Болду, сен каалагандай болот, кана эмесе кандай деп чечтик? - Бектурсун Дөөлөталиевич келинди ээгинен ала өзүнө каратып көздөрүнө тигилди, - Балаң экөөңөрдү бир жумадан кийин жөнөткөнгө макулсуңбу?

- Билбейм, ойлонуп көрүүм керек, сизге таянып жылуу очогумдан айрылып калбас бекенмин, миң ойлонуп бир кесүү керек мындайды.

- Туура айтасың жаным, бирок сени мен талаага таштабайм.

- Убакыт көрсөтөт, мен дагы ата-энемди, Шамбетти ойлошум керек, аялы бирөөнү ээрчип кетсе намысынан бир нерсе болбойбу, сиз менен касташып бир балээ болуп кетпейби…

- Коркпо, баарын өзүм бүтүрөм, менден шек албай турган болот.

- Ага жамандык кылбаңыз.

- Андай жаман ой жок, - деп Бектурсун ойлонуп калды.

- Эмесе кеттик, сиздин иштериңиз калды го? - Кундуз ордунан турду, - Карыган кайненем жаш бала менен кыйналып да жүрөт.

- Макул кетели, сени мейманканага Жунус жеткирет, азыр барып тиги матрацтарды алып келгиле, - деди.

Ошол түнү Кундуз үйүнө жаңы матрац менен одеал, төшөктөрдү, жаңы жаздыктарды түшүртүп алды. Толгонай ичинен баарын түшүнүп турду, жаман жол менен келген буюмдун жакшылык алып келбесин билип жатса да үндөбөдү. Шамбет келгенде көрүп:

- Ой буларың эмне? - деди.

- Мейманканага келиптир, Айжан экөөбүз бөлүп алдык, жакында эле алмашканбыз, - деди Кундуз, - Колдон келип турганда алып-алып коеюн.

- Кийин растрата болуп жүрбө.

- Кам санаба, мен уурдап алыптырмынбы?

- Ушунчаны алганың үчүн соттолосуң го?

- Соттолбойм этпейм, көп болсо үч матрац, үч жаздык, үч төшөк алдым да, ошондон короп кетмек беле?

- Директор билип калса эмне дейт билесиңби, өзүбүздүкү деле жетет, экинчи албай жүр! - деп эшикке чыгып кетти.

- Макул эми албаса албай эле койдум, - деп үй жумушуна киришип кетти, баласын жуундуруп, тамак жасап жаны тынбай ишин бүтүрүп жүрүп ойлонуп жатты: "Бектурсундун айтканына көнгөнүм туурабы же жылуу ордумдан козголбой кала берсемби, Шамбет деле жакшы адам, бирок биз бири-бирибизди сүйгөн эмеспиз да, атамдар эле болбой койгон, кандай кылсам экен, тобокел деп басып кетсемби, анда баланы таштап эле коюшум керек", - деп ойлонуп жатып тамак берди, үйүн жыйыштырды. Төшөк салып кайненесин жаткырды, андан кийин өзү ортого баласын алып жатып алды.

- Баланы бешикке эле бөлөп койбойсуңбу? - Шамбет кирип келип.

- Бөлөбөй эле коеюнчу, апам деле кечке бөлөйт, эркин жатсын.

- Эчтеке болбойт, бала деген бешикте эле чоңоет, бөлөп кой, - деп кыңкая жатып уулун өөп койду, - Илгери күнү-түнү менен бешикке бөлөп коюп иштешкен да.

- Ии-ий, мен деле чарчадым, койнубузда жата берсинчи.

- Анда ары жагыңа ал, - деди Шамбет, - Өз аялымдын жанына кең-кесири жата албаймбы? - Шамбет Кундузду кучактап өзүнө тартты, - Келчи бери.

- Жөн жатчы, күндө эле жаныңдамын го? - Кундуз көңүлсүз анын колун түрттү, - Эс ал андан көрө.

- Кантип, аялым жанымда жатса жөн жатамбы? - деди да уулун өзү көтөрүп четке жаткырды, - Жаным менин, бири-бирибизге байланыштырган ушул нерсе да, мунсуз жашоо кызыксыз, - деп өпкүлөп жанталаша ычкырына колун сойлоткондо Кундуздун көз алдына Бектурсун элестеп Шамбетти жактыра бербей салкын болуп туруп алды. Шамбет анысын байкабай өз ишин бүтүрүп өөп-өөп алып жатып калды. Кундуз дароо баласына караган болуп бурулуп жатып: "Эмнеге койнуңдагы никелешкен эриңден дагы бөтөн эркек жакшы көрүнүп калат, мен Шамбетти жактырбай баратамбы, балалуу болуп калгандан кийин тынч эле үйдө жүрсөм болмок экен", - деп ойлонуп жатып кеч уктады.

Бектурсун Дөөлөталиевич тыным албай ойлонуп жатып бир ойго токтолду. Эртеси мал доктур Нурмат Асановду өзүнө чакырды.

- Нурмат, эртең сенин шопуруң, менин шопурум болуп кийикке чыгып келели, райондон чалышса бизди жайлоодогу малды текшерип кыдырып жүрөт деп коет, кандай дейсиң?

- Жакшы болот эле, аксакал, - Нурмат кубанып кетти, - Сиз дагы биз дагы күн-түн дебей партиянын ишин аткарабыз деп жүрүп өзүбүздү унутуп калгандай болдук.

- Анда даярдан, ала тургандарды өзүң бил.

- Жарайт, ошондой кылбасак болбойт.

- Мылтык бар бекен, бир мылтык алып ал, тамаша кылып келели.

- Мен барайын анда, - Нурмат тура жөнөдү.

- Камына бер, - деп Бектурсун Дөөлөталиев мыскылдуу жылмайып алды: "Сени шашпа, ушул тоолордун арасында арбагың кала турган болсун, сен жок болсоң Кундуздун башы бош болуп каалаган убакта жанымда болот", - деп алаканын жанып алды. Шамбетти билмексен болуп жатып таштап, эсебин тапкысы келип турду, бирок окуя теңирден тескери болуп, качандыр бир кезде өзүнө мылтык болуп атыларын сезбеди. Кундуз ушул кезде даярданып директордун айтканына көнмөк болуп бир чечимге келди. Баласын эмчектен чыгармак болуп эмгизбей сүт берип жатканда Толгонай:

- Ээ балам баланы эмитен эмчектен чыгарбай эле койсоңчу? - деди.

- Кечке иштеп жүрсөм ачып деле калат экен апа, андан көрө чыгарып койгон жакшы го, жакпай да калат экен, чоңоюп калбадыбы.

- Бала эмчек менен бала, эрте чыгарып койсоң чыныкчал болуп калат, - деп Толгонай кейип калды, Кундуз анын кейигенин капарына дагы албай: "Шашпа, бала сенде калганда көрөсүң, мен сыртынан карап турам, Шамбет башка аял алганда гана келип өзүм алып кетем", - деп ойлонуп өз ишин кылууга өттү. Коңшу-колоңу кеп кылып, эшикке чыккандан тартынып калган, кетээрине бир жумадай эле калган болчу, өзүнүн апасы келип калды.

Карабек бир айылга кадыр-барктуу адам, Шааркан жибектей созулган аял эле, беш баланы чоңойтуп, өз-өз тууруна кондуруп койгон, Кундуз төртүнчүсү, андан кийин дагы бир уулу бар, бакыбат жашашат, Карабек жаш күнүнөн эле совхоздун майда иштеринде иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Шааркан алдына аял салбаган уз эле, картайса дагы шырдак оюп, кийиздерди түр салып жан киргизет. Шааркан кирип келип Толгонай менен учурашып орун алды:

- Кудагый, жакшы турасыңарбы, денсоолугуңуз жактыбы?

- Кудайга шүгүр, жатабыз кудай деп.

- Ооба, аз калган өмүрдө уул-келинден айтсынчы.

- Анан эмей, сокурдун тилегени эки көз дегендей менин дагы тилегеним ошол, карыганда балдарга жаман көрүнбөй көз жумсам деп отурсам, - Кейий сүйлөдү, - деп Кундузду карап койду, - Көп жашап балдарга жаман көрүнүп калган жаман.

- Кой кудагый, али күүлүү-күчтүүсүз, ушулардын төрүнөн сый көрүп, бакыбат жашай бериңиз, - Шааркан дагы Кундузду карады, - Сизди сыйлап бакса, өздөрү да балдарынан сый көрөт.

- Кудайга айланайын, Шакенимди кандай гана азап менен бакпадым, согуштан кийинки оор кез, машак терип буудай, жүгөрүдөн атала жасап ичип, нанды көмөч кылып ушу балам ачка болуп калат деп өзүм жебестен катып коеор элем, - Оор дем алып алды, Кундуз апасынан көзүн ала качып дасторкон жайып чай алып келди: "Апам дагы бир кеп угуп келген го, эми эмне деп жооп берем, чай берип коюп жумушка кетип калайын", - деп ойлонуп жатты ичинен. Кудагыйлар көпкө сүйлөшүп жатып анан кетмек болду. Кундуз апасын узаткан болуп сыртка чыкты, Толгонай Аргенди алып отурган.

- Кундуз, сенин артыңдан эмне деген сөз ээрчип жүрөт? - деп Шааркан көзүн алайта кызын каарый сурады.

- Эмне деген сөз экен?

- Билмексен болгонуңду кой дагы ушунчаңда баарын жыйыштыр!

- Сиз эмнени айтып жатасыз? - Кундуз дагы кабак-кашын тырыштыра суроо узатты.

- Кокус атаң укса намысынан өлөт, Шамбетчи, ал укса сени соо кобойт, намысынан өлтүрүп коюшу да мүмкүн, - дегенде Кундуздун жүрөгү болк этип алды.

- Апа…

- Болду, ушундайда тыйыл, күйөөң элден кемби, келбеттүү жигит, ырысыңды теппе кызым, биздин жашообуз бөлөк, дайым сени коргоп жаныңда боло албайбыз, эркек жүрсө эчтеке эмес, аялдын шерменде болгону жаман, никелүү эриң бар туруп эриңдин көзүнө чөп салганың акылсыздык, жеңил ойлук, - деди да Кундузду сүйлөтпөй басып кетти, Кундуз ыйлагысы келип туруп калды: "Чын эле, эгерде Шамбет билсе өлтүрүп эле коет", - деп ойлонуп зыңгырай ичке кирди:

- Кудагый кеттиби балам?

- Ооба кетти.

- Эми жумушка кетесиңби?

- Азыр барам, тамак жасап коеюнбу апа?

- Ошент балам, түштө ысытып ичип алалы, - деп Толгонай Аргенди кошуп айтты, Кундуз үндөбөй сыртка чыгып газга тамак жасады. Анан кийинип, жасанып алып ишине жөнөдү. Бул күнү Шамбет, Бектурсун Дөөлөталиевич менен Асанов Нурмат болуп тоого кетишкен, Бектурсун шопурун алган эмес, үчөө тоого барып эс алмак, Шамбет таштан кемеге жасап куурдак жасап, чай кайнатты, анткени Бектурсун айткандай Нурмат керектүүнү ала келген. Жайдын орто чени күн ысып турган. Чакан дасторкон жайып ала келгендеринен ичип жатышты, айрыкча коньяк ичип бир топтон кийин кызуу болуп калышты, Шамбет азыраак ичип аларды ээн коюп тоо башын көздөй жөнөдү. Бектурсун Дөөлөталиевич болсо кызып калгандай түр менен жамбаштай жатып алды. Ал бир ыгын табуунун амалын ойлонуп жаткан, бирок дари чыдабай эмне кылаарын билбей жатты. Шамбеттин артынан Нурмат да кеткен, бийик жерге чыгып алып эки жакты карап суктанып жатышты. Бектурсун ордунан туруп тигиндейрээктеги бадалдын түбүнө жашынып алып аларды карап турду, Шамбетте мылтык жок эле, Нурматта чып этме бар болчу, экөө ылдыйлап келе жатканда Бектурсун Шамбетти мээлеп туруп атып жиберди эле ок ага тийбей эле Нурматка тийип жыгылып түштү, көрсө дал жүрөккө тийген экен, коркуп кетип ордуна келип жатып калды. Шамбет Нурматтын башын өйдө кылып алып:

- Нурмат аке, Нурмат аке, эмне болуп кетти? - деп башы шылкылдап көзү аңтарылган Нурматты көтөрүп жөнөдү, - Бектурсун аке, Бектурсун Дөөлөталиевич! - деп ыйлап келе жатты.

- Эмне болуп кетти? - деп жакындаганда чоочуп ойгонгон болуп башын көтөрдү Бектурсун Дөөлөталиевич.

- Ким атты, мына эми кантебиз?

- Эмне болуп кетти? - Чоочугандай суроону кайталады.

- Атып койду, мен тигил жакта кимдер барын байкап келейин, - деп жаткыра коюп ары жакка жүгүрдү, ошондо аны артынан атып койгусу келип барып кайра токтоду: "Оюндан от чыгардым, бир кишинин каны мойнума жүктөлдү, мунун мойнуна жүктөп каматып жибериш керек", - деп ойлоду да Нурматтын ачылып калган көзүн жаап, бетине өзүнүн кастюмун жаап койду, анан жерде төшөлгөн төшөктөрдү унаасына салып, дасторкондорду жыйды. Аңгыча Шамбет келип калды.

- Эмне, бирөө жарым бар бекен? - деди Бектурсун ага карап.

- Эч ким көрүнбөйт, - Терин аарчый аргасы кеткендей карады.

- Эми эмне болот, ким атышы мүмкүн?

- Билбейм, балким суур же коен атабыз дегендер кайытып алгандыр?

- Эмне болгондо да жооп берүүгө туура келет.

- Ким жооп берет? - деп Бектурсун Дөөлөталиевич Шамбетти көзүн чакырайта карады, - Сен өзүң атып койгон жоксуңбу?

- Бектурсун аке, мен жинди болуптурмунбу?

- Болбосо ким атат, корочье өзүң мойнуңа аласың, - а мен акырындык менен бошотуп алам, сөзүбүз бир болсун, сен экөөңөр уруша кеттиңер, анан ал сени сөктү, жаман сөз менен кордоду, ачууң келип анын колундагы чып этмени алып атып ийдиң, жок-жок, - Бектурсун башын чеңгелдеп жандалбастап жатты, - Ал сени атмак болду, сен өзүңдү коргодуң, ушундай эмеспи ээ? - деп көзүнүн төбөсү менен карап сынап турду.

- Кантип, андай болбосо кантип айтам?

- Деги башың жок экен, же мени атты деп турасыңбы? - деп ороңдогондо Шамбет ага сөз кайтара албады, - Мен калпты айтып көнгөн эмесмин аксакал, бөөдө камалгым келбейт, - деди үңүрөйө.

- Анда мени кармап бергиң келип турабы?

- Жок-жок, бирок чындыкты айтыш керек.

- Чындыкты кайдан табасың? - Кекете карады.

- Анан камалып кетмек белем?

- Камалбайсың, сени мен куткарып алам, эптеп алаксытып туугандарын тынчытсак андан кийин сени куткарып кетем.

- Кыз-зык, күнөөсүз күнөөлүү болот экенмин да?

- Айла жок, сен милицияга өзүң бар, мен сүрүштүрөм, балким күнөөлүүнү таап калабыз, - деп Бектурсун Дөөлөталиевич аны кыйды карап коюп унаанын артын ачты, - Эптеп салып баралы да аттуу-баштууну чакырып үйүнө жеткирип угузуш керек.

- Кантип угузуу керек, киши колдуу болгонун укканда соо койбойт да? - Шамбет калтырап коркуп турду, - Конторго барабызбы?

- Ооба, - деди да Нурматтын жанына келди, - Көтөр! Экөө аяк башынан көтөрүп арткы отургучка жаткырышты да жөнөп кетишти, Шамбеттин аргасы кетип кулагына эч нерсе угулбай кете берди. Айылга келээри менен конторго келип эле участковойду чакырды, Шамбет коридордо аркы-терки басып турган, аны эки милиционер келди да колуна кишен салып алып жөнөштү.

- Мен күнөөлүү эмесмин, аныктап туруп анан кармабайсыңарбы? - деп жулунду эле ага кулак салышпады, анын үнүн уккан Бектурсун Дөөлөталиевич мыйыгынан күлө жылмайып алды да: "Ажалың жок экен, шоруң бар экен, эми тор артында жашай бер", - деп ойлоно оор күрсүнө ордунан турду. Кеч күүгүмдө Нурматты үйүнө алып барышты, элдин оозун ким тыймак, ар кимиси ар кандай сөздү айтып жакасын кармап шыпшынып жатышты. Шамбетти түндөп районго алып кетишти, эртеси уккан Толгонай директордун кабинетине келди.

- Келиңиз, - деп кайдыгер орун көрсөттү директор.

- Балам, сен дагы бирөөнүн баласыдырсың, Шамбет менин жалгызым, өлсөм көмөөрүм эле, бирөөгө жамандык каалачу эмес, калп да айтмак эмес, бийлигиңе таянып баламды каматкың келдиби, андай эле аялы керек болсо балама асылбай эле алчуңду алып кетпейт белең, эми мен өлсөм топурак салаарым жок ким көмөт?!

- Эне, андай эмес, балаңыз экөө уруша кетип өзүн коргойм деп жатып атып алыптыр, мен алардын жанында эмес элем, - деп ордунан тура калды, ал Толгонайдын Шамбеттин апасы экенин эми билген эле.

- Жо-ок балам, сен көз көрүнөө жалаа жаптың уулума, Кундуз экөөңөрдүн кандай мамилеңер бар экенин угуп билсем дагы айткан жок элем, эси болсо тыйылаар дегем, баласынын убалы кимге, кан куткарбайт деген бар, бөөдө кеткен балама эмес сага тийет убалы, моюнуңда калды, менин көз жашым менен өлгөн баланын тууган-туушканы, аял бала-чакасынын убалы сенде, жакшылык көрбө балам, башка айтаарым жок! - деди да кабинеттен чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич зыңгырай отуруп калды: "Ка-ап иттики, туура кылган жокмун, кокус Шамбет өлсө деле менден көрмөк экен, элдин ушак кылганын билбегенимди карачы", - деп ойлонуп дароо районго телефон чалды:

- Ало, Исакович кандайсыз, бала-чака чоңоюп жатабы? Ооба-ооба, бир иш болуп калды, эртең жолугайын ордуңузда болосузбу? Ма-акул-макул, түшкө чейин барып калам, давай-давай, - деп трубканы коюп койду да ордунан туруп аркы-терки басып: "Демек бул жерден которулуп кетишим керек, баары таңгалгандай болсун, мен эбин таап кутулдум, Шамбет тутулуп жата берсин", - деп ойлонуп жатты. Ошол кезде башкы бухгалтер кирди.

- Жолдош Бектурсун Дөөлөталиевич, өлгөнгө акча керек деп жатат, айлыгын беребизби?

- Айлыгын, ага кошуп аппараттан акча чогулткула, - деди Бектурсун Дөөлөталиевич.

- Жарайт аксакал, айлыгынан сырткары эки миң сом чогултуп бергиле.

- Жарайт, - деди да чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич жаны жай албай жатты, Толгонайдын айтканы кулагынан кетпей туруп алды: "Куткарганга аракет кылып көрөм, болбосо кете берсин", - деп кенебей кабинеттен чыкты…

Шамбет СИЗодо жатты, ошол күндү эстеп алып: "Демек башка бирөө эмес, Бектурсун кылган экен, неге ага өчөштү экен, эмнеге мага түртө салды, өз аброюн сактагысы келдиби, киши өлтүрдү болуп жалган жеринен күйүп кетемби, балким сөзүнө туруп куткарып алаар, ал жерде эч ким жок болчу, демек атайын аткан экен", - деп ойлонуп жатып уктап кеткен экен аны түрткүлөп ойготуп жатыптыр.

- Эй тур, жолукканы бирөө келди.

- Ким экен?

- Апаң болсо керек, - дегенде Шамбет тура калып милициянын коштоосунда чыгып келе жатып апасын көрүп боору ооруп кетти.

- Каралдым ай! - деп жүткүнө өзүн көздөй бой таштады Толгонай, - Каралдым, акыбалың кандай? - Кучактап алып солкулдап жатты.

- Апа, менде күнөө жок, ким атканы белгисиз, табылат апа, кейий бербе, - деди да чыдай албай өзү дагы солкулдап ыйлап ийди, - Кундуз келбедиби апа?

- Ал келген жок балам, ал сени чындап киши өлтүрдү деп жинденип жатат.

- Ага түшүндүрүп айт апа, мен эч кандай киши өлтүргөн жокмун, күтсүн мени, акыры акталып чыгам, - деп үстөлгө келип отурушту.

- Уулум, районго же исполкомго, болбосо обласка арыз жайынбы?

- Жок апа, менин эч кандай күнөөм жок, баары бир акталам.

- Тилегиң кабыл болуп кудай өзү жар болсун садагаң кетейин, кардың кандай болуп жатат, а-а эсиң курган жаным ай, тамак бышырып келбедим беле? Муздай электе ичип алчы балам, - деп баштыгын бери тартып алып ичинен битон алып чыкты, кесе кашык алып колдору калтырай куюп бермек болгондо:

- Апа, бул жерден ичкенге болбойт, - деди Шамбет.

- Ийе кокуй карангүн, өз колум менен берейин дебедим беле? - деп наалый кайра жапты.

- Өзүм ичип алам апа, эми бара бер, Аргенди өөп кой, Кундузга айтыңыз эч качан ушакка ишенбесин, мен күнөөлүү эмесмин.

- Айтам каралдым, эми бир кудайдан башка арга жок, кантейин… - Толгонай муңкана көз жашын жоолугунун учу менен аарчып, баласын бекем кучактап эки бетинен өөп чыгып кетти. Селдейип отурган Шамбетти милиция алып кирип кетти, тамак куюлган идишти алып алды. Чынында жүрөгүнө эч нерсе барбай калган, арадан он күн өтсө дагы Кундуз басып келбеди, ал төркүнүнө кетип калган эле, бир үйдө Толгонай жалгыз кала берди, эртели кеч сыртка чыкканы болбосо эч ким жашабагандай үй томсоруп турат. Бир ай болгондо Шамбет акыйкат издеп жогорку сотко арыз жазды, бирок жооп келбеди, Дөөлөталиевичтин жыты жок жоголду. Ошондо Шамбеттин кыжыры кайнап: "Сени мен атып койсом болмок экен, мындай болоорун ким билиптир, демек өз башын калкалап мени кармап берген экен", - деп ойлонуп кылаар айласы жок тордун ичинде муштумдары түйүлө калып жатты. Кундуз бир басып келбеди, Толгонай бүжүрөй бир-эки күндө келип турат, эне бечаранын оюна койсо эле баары ойдогудай болоорун сезип тургандай, көзү көрбөсө дагы көкүрөгү туюп, сезип тургандай, Кундуздун кетип калганын айткысы келбей алаксытып анан кетет. Кары баарынан дагы небересин ойлоп жатты. Шамбеттин жакын тууганы болбогондуктан мындайраак туугандары аны капарына да алган жок, кайра аны жектеп өздөрүнчө кеп кылып калышат.

- Жалгыз башына эмне күч келди, - деди атасына ага-ини тууганы Бөлөкбай, - Катынын коруй албай бирөөнү өлтүрүп.

- Ошону айтсаң, эми өз азабын тартып жата берсин.

- Аны коргойбуз деп бир балээге калгыдай акыбал жок да.

- Энесине кыйын болду, ээн тамда чүкөдөй болуп жалгыз калды.

- Эртең соту болот имиш го?

- Соту болсо барып коелу.

- Барганда эмне, же бир ооз сөз айта албасаң, - Бөлөкбайдын аялы күйөөсүн жактырбагандай карады, - Мал доктур ага эмне кылды десең?

- Ошону айтпайсыңбы, директорду өлтүрсө дагы бир себеби болот эле го, жигит экен дейт элек, - деди Кийизбек.

- Эмне болсо ошол болсун, өзүбүздүн балдар тынч болсунчу, бизден алыс болсун, - дешип жатты. Күз айында сот болду, Шамбеттин соту болду, ал чынын айтып какшанган менен эч нерсе чыкпады, кайра камап койду, акыры баягы Бектурсун Дөөлөталиевич айткандай көрсөтмө жазып берди, өзүн калкалаган, коргонгон деген жыйынтык менен он алты жылга соттолду. Тыюу салынган куралды алып жүргөндөрү үчүн дагы айыпталды, ошентип Шамбет биротоло кесилип Фрунзедеги Молдовановкага жөнөтүлмөй болду. Эми түрмөнүн машинасына салганы жатканда Толгонай босогодо отурган экен буркурап келип уулун кучактап калды.

- Каралдым ай, аялыңдын гана азабынан кеттиң го? - Сүйлөөргө алы келбей солкулдап жатты.

- Апа, анда эмне күнөө, Бектурсундун кылганы.

- Эми эмне кылайын, күтүүгө чыдай алаар бекенмин?

- Күт апа, аман тур, Кундузга баарын түшүндүрүңүзчү.

- Уулум, мына бул каттан баарын түшүнөсүң, кат жаз, барган жериңди айтып жаз, мен барам.

- Болду, убакыт бүттү! - деп милиция экөөнү эки бөлдү. Апасынын акыбалын көрүп тиштенген бойдон көзүнүн жашы куюлуп машинага түшөөрү менен шарак-шарак этип эшиги жабылды: "Бүттү", - деди Шамбет. "Бүттү, эми мени ким коргомок эле, өмүрүм түрмөдө өтө турган болду, айла канча, апам бечарага кыйын болду, Кундуз бир келип койгон жок, ал мени күтпөйт, балам дагы чоңоюп мени жаман көрүп калат го", - деп ойлонуп кетип баратты. Зонага жеткенден кийин кийим алмаштырып жатканда эсинен келип катты алып чөнтөгүнө салды да хатага кирди, ал киргенде өзүнөн башка үч-төрт адам бар экен, бири келип аны ийинге таптай.

- Ийи жигит сүйлө, - деди керсейе, чылымдын түтүнүн Шамбетке үйлөй ага карап.

- Сүйлөчү сөз жок.

- Эмнеге, биз сүйлөтөбүз сени, - деп дагы бирине көзүн кысканда улгайынкы адам ага карап.

- Өз ордуңарды билгиле, кыскасы уруулук же зордуктоо эмес, "жигитче" отурган, түшүнүктүүбү? - деди эле ал унчукпай калды. Баарынан кызыгы Шамбетке отуз төртүнчү номер тура келгени болду, жашы да отуз төрттө эмеспи. Көп өтпөй эле Шамбетти ар кимиси келип коркутуп, кээси кирин жуудурмак болуп башкара баштады. Тамак ичип жатканда тамагын төгүп таштап ачка калчу болду, жедеп ачуусу келип кыжыры кайнаган Шамбет бир күнү жанына келген лөкүйгөн немеге:

- Тынч бол, болбосо эки бүктөп коем, - деди.

- Эмне-е, сен мени бүктөп коесуңбу? - Ал каткырып айланасындагыларды карады эле алар аны коштоп каткырып калышты, - Эй турчу өйдө! - деп жакадан алып өйдө тартканда Шамбет аны түртүп ийди.

- Тур ары!

- Эй, сен кимсиң? - Тиртеңдей маңдайына келди.

- Мен адаммын, айбан эмесмин, - дегенде отургандар карап калышты.

- Бул жерге адамдар келбейт, ха-ха-ха!

- Ошондойбу? - деген Шамбет аны кулак талаштыра койгондо ал учуп, барып дубалга бир тийип отуруп калды.

- Кармагыла! - деди аюдай айкырып, ошондо он чактысы Шамбетти тегеректеп калды, ал унчукпай көз кыйыгы менен айланасын карап туруп калганда бири кол салды эле ал кандай учуп түшкөнүн билбей калды, калганы жабыла кирди, ошондо Шамбет баарын тоголото коюп мышыктай болуп туруп калды. Биринчи тийишип жүргөн неме жинденип чыгып кетти: "Бул соо кеткен жок, дагы бирди баштайт", - деп сактанып, сыртынан сыр билгизбей тамагын ичип болуп короого чыкканда дагы он чактысы аны тегеректеп калды. Алар менен мушташып баарын ар жерге тоголото коюп анан эң биринчи тийишип жүргөн "Коля" аттууну кекиртегинен кармады.

- Экинчи алдымдан чыгып көр ата-бабаңдын артынан жөнөтөм!

- Жок-жок, экинчи мындай болбойт, - деп муунуп бараткан неме какап-чакап зорго айтты.

- Акыбалың ушул болсо кайсы "авторитетиңди" көрсөтүп жүрөсүң? - деди да ары көздөй басып кетти. Ошондон кийин ага тийишкен эч ким болбоду. Өз хатасындагы баягы Субан деген аны өзүнө жүрөк кылып алып экөө чогуу жүрө турган болду. Ал кат жөнүндө таптакыр унутуп калган экен апасын эстеп отуруп оюна түштү да катты ачып окуду, апасы сабаттуу эле, бирок катты өзү жазбаган көрүнөт, ал кат минтип башталыптыр: "Каралдым, кудайым өзүңө күч кубат, өмүр жаш, денсоолук берсин, кантейин алладан амандыгыңды тилейин. Кундузду сурайсың балам, мында менин дагы күнөөм бар, ал директор менен соо эмес деген сөз мага эбак жеткен, сага айта албадым, очогуңар бузулбасын дедим, акырындык менен өз нугуна түшөөр деп ойлодум эле, Кундузга эчен ирээт айттым, кулак салбады. Сени директоруң атайын эле ошол үчүн каматты, Кундуз сен камалган күнү эле төркүнүнө кетип калган, баланы ала кетти, ошончо эл угуп сөз кылган ушак сага жетпеди балам, өзүң укканда мындай болбос беле? Аттиң, төрүмдөн көрүм жакын калганда жалгыз тамда калып көкүрөгүм өрттөнүп сенин келгениңди көрөөр бекенмин, - деп жатам. Кокус өлсөм ыман айтылбай калат го каралдым. Эмнеси болсо дагы өзүңө тың бол, ар нерсени ойлоно бербе, директоруңа кудай көрсөтөөр, кудай де балам, Аман жүр, апаң Толгонай", - деп жазылган катты мыжыга отуруп калды: "Демек ал атайын жасаган экен да, эн-неңди акмактар, ошол убакта укканда экөөнү тең кошоктоп мен өлтүрмөк экенмин", - деп башы ооруп чыкты. Он алты жыл, айтканга оңой, бирок оңой жыл эмес, күндөр сабалаган куштай биринин артынан бири өтө берди. Шамбетке Коля дос болуп калган. Кыскасы ансыз иш кылбайт, улам жаңы келгендерге тийишип көнгөн Коля үндөбөй калган, башкалар тийишсе катыгын берет. Айланасында түрмө законун эң жакшы билип он жыл отурган "Артык" деген Шамбетке дайым акыл айтып өч алуунун жолдорун үйрөтүп келет. Өзүнүн аты Доорон, бирок аны түрмөдөгүлөр Артык деп аташат, ал дагы кезинде далайды көргөн, эми зонадагылар ага баш ийишет, ансыз эч кимиси иш кылбайт. Түрмөдө жатып баарын үйрөнүп болгон Шамбетти көргөн адам өмүрүндө пендеге жакшылык кылат деп ойлобосу чындык эле. Он алты жылдын эки жылы амистияга туш келип алынып он төрт жылын өтөп чыкты… Бул кезде заман өзгөрүлүп элдин соодага баш оту менен киришкен убагы эле. Айыл аралап өзүнүн үйүн көздөй жөнөдү, канчадан бери каралбаган там урап, көчө баштаган экен, каңырыгы түтөй чабырадан кирди, эшиги бек бойдон экен, кулпуну ачып ичке кирди. Орду-ордунда турат, апасынын кийген кийимдери илинип турган экен, аны көрүп колуна алды да мурдуна алып барып жыттап буркурап ыйлап-ыйлап көпкө отурду, дубалга жөлөнүп алып: "Үч жыл, үч жыл чыдай албадыңбы апа, жок дегенде үч жыл тура турсаң өз колум менен узатат элем го, ууч топурагым буйрубады го, тагдырым ушул болсо аргам канча", - деп буркурап кийимин бекем мыкчып алып боздоп ыйлай берди, үй ичи чаң басып кеткен, жууркан төшөктөрү жыйылуу бойдон турат. Кеч кирип айлана караңгы кирип калганда сыртка чыкты, эки жагын тозгон чабыралары кыйрайып бүткөн, мал кирип алма-өрүктөрүн кажып коюптур, эшиктин алдында башын мыкчып көпкө отурду. Аны көрүп жолдон бир адам басып келди:

- Балам, сен кимсиң?

- Шамбетмин аке, сиз Шадыкан акесиз го?

- Ооба-ооба, качан келдиң?

- Кечээ чыктым…

- Жакшы-жакшы, кутулуп келипсиң, бөөдө кеткениңди билем балам, жаман аял запкысы эрине, жакшы аял пайдасы элине деп коет, аялыңдын курмандыгы болдуң, - деди Шадыкан.

- Учурунда билбей калбадымбы, - Жер карай күңкүлдөдү.

- Бир кишинин кулагы керең, көзү сокур деген ошо да балам.

- Баламды бир көрөйүн дедим эле, эртең үйгө куран окутайын, атам менен апама куран окутуп койбосом…

- Ооба балам, апаңдын аманаты бар менде, үч жылдан бери эки жагын карап турам, бечара Толгонай өлөөрүндө сени айтып жатып көз жумду, сага берип кой деп бир уй, беш кой менен беш миң сом таштап кетти, келсе кыйналып калбасын деди го байкуш.

- Арга жок аке, эми ушул жерде болом го.

- Ооба балам, эми байкап туруп жакшы келин болсо үйлөнүп оокатыңды кыл.

- Тынч жашаш керек, - деп Шамбет унчукпай калганда Шадыкан.

- Жүрү балам, үйгө кирип чай-пай ич, - деди кол жаңсай, - Сен эч кимден корунба балам, биз сени күнөөлүү деп ойлогон жокпуз, жалгыздыгың сени кемитти, бийликтен пайдаланып директоруң Кундузду шаарга алып кетти деп уктук, аялы менен ажырашкан, балаң таятасыныкында чоңоюп жатат, тартынбай башыңды көтөр балам, - дегени Шамбеттин көңүлүн көтөрдү, эрээркетти, түрмөдөн келди деп эл үркүп кетеби, чоочулайбы деп ойлоп турган.

- Мейли, барса барайын, бирөөнүн курмандыгы болдум, - деп Шадыканды ээрчий басты. Ал күнү көп сөздөр сүйлөндү, көргөн-билгендердин баары Шамбетти жылуу көз караш менен тосуп алышканына ыраазы болуп отурду. Көңүлү толуп, эмне дешет, түрмөчүк деп айтабы деген ою артта калды. Бир гана өкүнүчү апасынын көзүн көрбөй калганы болду. Элинин, коңшу-колоңунун колдоосу аны өз үйүндө жашоого дем берип үйүн ремонттоого киришти.

Шамбет эми өч алуунун жолдорун ойлоно баштады, уулу Арген он төрттөн он бешке карап калыптыр, кайнатасы менен кайненеси ага бет багып карай албады, жакшы жүз менен тосуп алып Аргенди чакырып келип:

- Уулум, мына эми атаң келди, биз ачыгын эле айтчу эмес белек, - деди Карабек, - Атаң менен учураш балам.

- Уулум, мени менен эки-үч күн үйгө барып келесиңби?

- Барсын, бара гой уулум, - деди Шааркан шыпылдай чынында кызынын кылыгына уялып баш көтөрө албай калышкан, заман оошуп партиялык кызматтагылар мыйзамдан коркпой калган, Бектурсун чынында Кундузду катуу сүйгөн экен, анын айтканы менен болуп көзүн карап турат, шаарда жөн жүрбөй кызматка турууга аракеттенип ар эшикти түртүп жүрүп райондук акимчиликтен орун алып иштеп жаткан. Шамбеттин келип эзелки кегин алаары түшүнө дагы кирбей дөөлөтүнө дөң уруп жүргөн кези, кайсы чоң же кайсы оппозиционер кандидатурасын койсо жүгүрүп кошоматчылык кылып жүгүрүп жүрүп жан бакканы баккан. Шамбет үйүнө келип уулу экөө көп сүйлөшүштү.

- Кундуз келип турабы балам?

- Келет, балдары менен келет.

- Күйөөсүчү?

- Ал көп келбейт.

- Мага кийим-кече алып келип берет, мен анын алып келгенин кийбейм.

- Эмнеге?

- Ал сени каматып ийген да.

- Ал каматкан эмес балам, апаңа андай мамиле кылганың болбойт, - деп башынан сылап чекесинен өөп, - Сен акылдуу бала бол балам, жакында үйдүн ремонту бүтөт, мен он күн бир иштер менен кетемин, кайра келемин да чогуу жашайбыз, окууң башталгыча таятаңдар менен бирге туруп тур макулбу?

- Макул ата.

- Садагам десе, эми сен чоңойдуң, баарын түшүнүп калдың, эки күндөн кийин мен кетем, эгерде он күндө бүтпөсө бир айлап жүрүүгө туура келет, - деди Шамбет. Арген Шамбетке куюп койгондой окшош, кең далылуу, бойлуу, бийик кабак болуп өсүп келе жаткан эле, уулун көрүп өзүнүн өспүрүм кезин эстеп ичтен сыза оор күрсүнүп алды: "Уулума татыктуу тарбия беришим керек, мен аталык милдетимди аткарышым абзел, тагдыры жакшы болсо экен", - деп ойлоп Аргенди таятасыныкына жөнөттү, Шамбет акчадан кыйналмак эмес, аны чыгаары менен Артур сырттагы "Смотряшийлерге" дайындап койгон, алар аны күтүп жатышкан эле. Шаарга келип эле аларга жолугуп болоор ишти айтканда Бакыт деген лөкүйгөн неме:

- Баарын билебиз болгону бизге приказ бериңиз, - деди, Шамбет аларды бир аз карап, буурул чачын сылай чөнтөгүндөгү сүрөт менен аты-жөнү жазылган кагазды берди, алар Шамбетти баардык шарты бар үч бөлмөлүү үйгө алып барышты.

- Сиз бул жерде болуңуз, тамак-аш даяр, телефон чалып турабыз, бул жерге бизден башка келбейт, - деп кухнядагы шкафтарды ачып андагы ичимдиктин түрлөрүн, муздаткычтагы эттерди көрсөттү Бүркүт дегени, көрсө ага баары баш ийишет экен.

- Рахмат балдар, адегенде кайда жашаарын, иштеген жерин иликтегиле, - деди Шамбет.

- Жарайт, - деди Бүркүт, башын чулгуй сыртка жөнөгөндө калгандары анын артынан чыгып кетишти, Шамбет түнөрө отуруп калды, үстөлдүн үстүндө турган акчаларды колуна алып кайра коюп ойногону же ойлонгону белгисиз, бир кезде ордунан шарт турду да сыртты көздөй жөнөдү, кайда бараары өзүнө да белгисиз, болгону шарак этип ачылган эшиктен чыгып кайра эшигин бекитти да ылдамдай басып ылдый түшүп баратып бирөөнү сүзүп алды:

- Аа-ай! - деген аял үнүнөн башын көтөрө калып:

- Кечириңиз, - деп жолун улады: "Картайган экенмин, жаш келинге сүйлөй албай калдым, кара чачтар буурул тартып калды, жаштыктын жакшы учурун түрмө артында өткөрүп ийдим, пешене деген ушул тура, какшасаң келбейт отуз жаш", - деп ойлонуп кете берди. Негедир ушул учурда ичкиси, көңүл ачкысы келди, бир жагынан күйүт жеңип ичи ачышып жүргөн неме бир кафеге кирди. Четтеги жалгыз отурган кыздын жанына отурду, башка орун жок, баары толо эле.

- Саламатсыз, - деп койду тиги кыз жылмая, өзү татынакай кыз экен, бирок кызуу, алдында бөтөлкө арак менен стакан гана турат.

- Саламат, - Шамбет ага көңүл бурбаганга аракет кылып официантканы чакырды, - Чоң кыз келип коюңузчу.

- Кандай заказ кыласыз, менюдан көрүңүз, - деп менюну алдына коюп ары жактагы чакырыкка жөнөдү.

- Сиз дагы жалгызсызбы? - деди тигил кыз дагы жылмайды.

- Ооба, - деп терс карады Шамбет.

- Мен дагы жалгызмын өмүр бою жылгызмын…

- Эмнеге, жашсың сулуусуң, - Шамбет эми ага көңүл бура карады.

- Мен бактысызмын, жалгыз кызмын, ата-энем балдар үйүнөн таанышып үйлөнгөн экен, атам оорукчан болуп чоңоюптур, апам анын оору экенине карабай сүйгөн экен, бирок атам мен төрөлгөндөн соң өлүп калыптыр, апам ошону көтөрө албай өзүн жоготуп жиндиканага түшүп калат, мени карай албай мен дагы балдар үйүндө чоңойдум, эки жыл мурун апам дагы өтүп кетти, - Кыз улутунуп алды.

- Жаман болуптур, - Шамбет алдына келген тамакты карап, - Чоң кыз, сизге бирдеме заказ берейинби? - деди, - Баса атың ким?

- Эмма.

- Башкача ат экен, - Шамбет күлүп койду, - Кана, эмне ичесиң?

- Кандай болсо, бирок жүз грамм кошуп койсоңуз жакшы болот эле го?

- Жарайт, - деп официанткага заказ берип Эммага карады, - Көп болуп кетпейби, ансыз дагы көп ичип коюпсуң.

- Эчтеке эмес байке, менин келечегим жок, бүгүнкү күнүм менен гана жашап калгамын.

- Канчадасың?

- Жыйырма алтыдамын.

- Оо, күлгүн жаш, бул жакштыктын гүлдөгөн чагы эмеспи, ушул жашыңда өмүрдөн тажаганың болбойт.

- Ээ байке, мен сүйүүдөн күйдүм, сүйүү деп жандым, кайра өчтүм, - Ошол кезде официантка тамак алып келди, - Рахмат, - деп койду Эмма.

- Эч нерсе эмес, а-аа баса атың жөнүндө айтпадың.

- Атымды балдар үйүнөн ошондой атап коюптур, - деп ийин куушуруп койду Эмма тамактан алып стаканды көтөрө, - Саламат болуңуз.

- Рахмат.

- Үйбүлөңүз барбы?

- Жок жалгызмын.

- Билгемин, - Күлүп койду Эмма.

- Кантип?

- Жалгыз экениңизди кусалуу көздөрүңүз айтып турбайбы?

- Көздөн окуп койгон касиетиң барбы?

- Кээде.

- Кайда жашайсың?

- Эч кайда.

- Кандай түшүнсө болот.

- Мен көрүнгөн жерде боло берем.

- Ошонуң жаман экен.

- Сиз чакырбайсызбы мени? - Эмма көздөрүн күлүңдөтө кашыкты оозуна такап карап калды, Шамбет жөтөлүмүш болуп сөз таппай калды, - Аа-а туура, сизге уят болоор, сиздей токтоо адамдарга мендей көчө кыздарынын кереги эмне?

- Жок-жок, экөөбүздүн жашыбыз туура келбейт го?

- Сүйлөшсөк болот…

- Анда көрөбүз, тамагыңды ич.

- Жа-арайт, - деп койду Эмма оштоно, андан кийин сүйлөшүшкөн жок, тамак ичилип бүткөндөн кийин экөө ээрчише чыгып Шамбеттин бөлмөсүнө келишти. - Ох-хоо, круто комната, бай турат экенсиз го? - деп тегерене үй ичин карап суктанып жатты.

- Болуптур эс ал анда, - деди да Шамбет башка бөлмөгө кирип кетти.

- Мен сиз менен болууга даярмын, - деди Эмма анын артынан.

- Даярсыңбы? - деп койду Шамбет.

- Көнгөмүн.

- Кызык экен.

- Таңгалбаңыз, мени тагдырым ушул жолго алып барды, - Эмма улутуна анын бөлмөсүнүн босогосуна келди, - Эч кимим жок, кокус өлсөм көмөөрүм же ыйлап жоктоорум жок, ушул жылтыраган өңүмдүн эч кимге кызыгы да жок, убактылуу гана моокумдарын кандырышат да басып кетишет, акым арзыбаган акча байке.

- Жүрөктү ооруттуң да Эмма, - Шамбет бери бурулуп кыздын маңдайына келди, - Мынчалык муңдуусуң Эмма? - деп карыдан алды, ага кыздын каңылжаарын жарган аял жыты келип башын айлантып жиберди, - Мен дагы жападан жалгыз баламын, атам алты айлыгымда өлгөн, апамды жакында жоготтум.

- Дүйнөдө жалгыз мен эмес экенмин го?

- Дал ошондой дүйнө жүзүндө бизге окшогондор толтура, - деди да кызды өзүнө тартып бекем кучактап алды, - Жалгызмын деп өзүңдү эч качан жоготпо, ар бир адам жалгыз туулат, жалгыз өлөт, түбөлүк эч ким жашабайт, адамча жашап адамча өлүү керек.

- Ырас эле.

- Мен сени жалгыз таштабайм.

- Чынбы? - Эмма аны башын көтөрө карады.

- Ишен мага, бирок мен сага картаңдык кылам го?

- Жок-жок, бактым үчүн табылган болсоңуз жашыбыз тоскоол болбойт.

- Жүрү, бир аз отуруп сүйлөшөлү, - деп ашканага алып кирип бир бөтөлкө аракты алды да, эттен кесип алып чыкты, - Тамак жасаганды билесиңби?

- Экзаменден өткөргүңүз барбы? - Эмма күлүп койду.

- Мүмкүн, - Жылмайып койду.

- Анда аракет кылайын, - деп умывальникке колун жууп келип бычакты алып шыпылдата туурай баштады.

- Кыймылың жаман эмес.

- Чын элеби? - Кылчая карап күлүп калды, Шамбет кыздын илбериңки, ак көңүл бала кыял экенин байкап ичи жылып турду, бирок койнунда жатып чыккынчылык кылган аялынан улам ургаачы аттууну жек көрүп калган неме бир аз ишенкиребей акчаларын, керектүү буюмдарын катып коюну эп көрүп акырын бөлмөгө чыкты. "Ишенүүгө болбойт, бир көргөн аял эмес бала төрөп берип беш жыл бою койнумда жаткан аялым мени алдагандан кийин эч кимге ишене албайм", - деп ойлоп ашканага кайра кирди.

- Кууруп жибер, закуска болсун.

- Макул, - деп газды күйгүзүп көмөч казанды коюп бат эле кууруп келе калды, ал ортодо Шамбет аракты бузуп стакандарга куюп даярдап турган, куурдак ортого келгенде:

- Кана-кана, сулуу кыздын жасаган тамагын көрөлүчү, - деп вилка менен илип үйлөп оозуна салды да бир саамга чайнап туруп анан кабак бүркөдү, - Бул болбойт!

- Эмне жакпай калдыбы? - деп Эмма элейе карап калды.

- Жок, жаккан жок.

- Жакшы эле жасадым эле, сизге жакпай… - деп күнөөлүүдөй туруп калганда Шамбет вилка менен дагы алып оозун ачып салды да каткырып ийип бармагын чычайтты:

- Во-о! - деп Эмманы карады, - Азамат, жакшы өттүң сыноодон!

- Чынбы? - Эмма көздөрүн жайната көздөрү кубанычтуу күлмүңдөй колун чапкылап ийди, - Чын айтасызбы?

- Жакты, кулинарияда окуган жок белең?

- Жок, балдар үйүндө ашканага жардам берчүмүн.

- Азамат беш!

- Рахмат.

- Давай отур, бул үчүн бир аз ичпесек болбойт.

- Сиз дагы ичесизби?

- Эмне, мен адам эмесминби?

- Деги айтам да.

- Кел эмесе экөөбүздүн табышмактуу таанышуубуз үчүн!

- Денсоолугубуз үчүн, - Эмма күлүп коюп стаканды көтөрдү.

- Бүгүндөн тартып сен ичкенди токтотосуң.

- Эмне үчүн?

- Мен сенин жашооң үчүн кам көрөм.

- Ырас элеби?

- Ооба, эки жакка чыкпайсың.

- Жарайт, өзүмдүн тилегим да ошол эле.

- Азамат, сен мени, мен сени түшүндүм.

- Сөз берем.

- Ишендим.

- Бат элеби? - Эмма аны сырдуу көз караш менен карады.

- Ооба, сенин таза дилиң, баланыкындай кыялың ишендирип турат.

- Чынбы? - Ойлуу тигилди.

- Ооба, мен сенин дилиң таза экенине түшүндүм.

- Кызык, эч ким менин ички туюмумдун кандай экенин, жүрөгүм ооруп калаарын сезип да, ойлоп да койчу эмес, - Стаканды катуу кармап көзүнө жаш тегерене түштү.

- Баардык пенде бирдей эмес Эмма, сен бардыгына ишенбей жүр.

- Сизге дагыбы? - Көздөрүн ойноктото тиктеди.

- Ооба, мага дагы.

- Анда эмне кылышым керек?

- Өз туюмуңа өз сезимиңе ишенип иш кыл.

- Жарайт, - деп койду кайдыгер адамдай кол шилтеп, - Эмесе алып ийелик.

- Кеттик, - деп экөө кагыштырып алып жиберишти, андан кийин дагы сүйлөшүп көпкө отуруп анан Эмманы бир бөлмөгө жаткырып коюп өзү оозгу бөлмөгө жатып алды. Шамбет көп ойлонду. Дүйнөдө өзүндөй жалгыз адам жашабасын деп тиледи, Эмманын бараар жерим жок дегенине боору ооруду, бир гана анын жаштыгын аяды, жардам берүүнү ойлонуп жатып кеч уктады. Катуу уктап калган экен бир нерсенин дабышынан улам ойгонуп кетти, ыңгырана көпкө жатып анан кийинип чыгып ашканага баш бакса Эмма кечки идиштерди жууп жатыптыр үстөл үстүн тазалап шыпырып коюптур.

- Кандай эс алдың Эмма? - деди акырын баш багып.

- Эң сонун, - Жарк эте күлгөн Эмма бери бурулду, - Өзүңүз кандай эс алдыңыз?

- Эң жакшы уктадым, уктай берсең болмок.

- Бул менин адатым.

- Кемпирсиңби?

- Эмнеге?

- Карылар эрте ойгонот, уйкусу жок болот.

- Анда менин мээм картайган чыгаар.

- Кантип мээ картайсын?

- Көп ойлонуудан.

- Сен көп ойлонбо, кудай жакшы көргөн адамын кыйнайт дешет го?

- Ошондой бекен?

- Ооба, жеңилсең жеңилип кала бересиң, жеңип чыксаң бактылуулукка жетесиң, кана чай ичебизби?

- Чай даяр.

- Азамат, жакшы ашпозчу болчудай экенсиң, - деп Шамбет ваннага кирип кетти, Эмма ийин куушура: "Кызык адам экен, картайганы менен жүзүндө андай көрүнбөйт, сүйлөгөн сөзү токтоо, аялга тийишпегени эмнеси, мындан улуу адамдар менен болуп жүргөнүмдү жашырганым жок, ашпозчу кылгысы келеби, балким кызматчы керектир", - деп ойлонуп туруп калды. Шамбет бети-колун жууп келип үстөлгө отурду.

- Чай ичиңиз, - деп чай сунду Эмма.

- Кудай жалгасын.

- Рахмат.

- Үйдө бир хозяйканын бары жакшы тура, - деди Шамбет чайдан ууртап коюп Эмманы сырдуу карады, - Жалгыздык жаман экенин эми сездим.

- Коюңузчу, кантип эле?

- Ооба, мен сени көргөндө гана сездим.

- Кызык экен, а мен өтө жашымда сездим.

- Ошондой, - деп ойлуу чайдан ууртады.

- Тарбиячым ата-энемдин балдар үйүндө өскөнүн айтканда жаман ыйлагамын.

- Аянычтуу, бирок тагдырды өзгөртө албайсың да.

- Билем, бирок ошо тагдырыма таарынам.

- Таарынба, суран-тилен, кудай жаштын тилегин берет дешет го?

- Кой жомок айтышпай тамакты алып келейин.

- Тамак да жасап жибердиң беле?

- Алда качан тургамын, сизден сурабагыныма кечириңиз.

- Ой анын эмнесине кечирим сурамак элең, эң сонун болгон тура.

- Анда алып келейин, - Эмма тамагын алып келди, Шамбет Эмманын үй ишине тың экенин байкады: "Эл эмне дээр экен, кызындай немени алып алыптыр десечи, уулум бой тартып баратат, ал мени түшүнөбү, же колуна акча берип соода кылып жаша деп жөнөтүп жиберсемби", - деп аны улам карап коюп ойлонуп жатты. Экөө үндөбөй отуруп тамактанышты, анан Эмма Шамбетке карап бирдеме демек болуп турганда:

- Сүйлө, - деди Шамбет.

- Мен эми кетейин, сизге рахмат.

- Кайда барасың?

- Сизге жүктөнгөнүм да болбос…

- Эмма, эгерде бараар жериң болбосо ачык айт.

- Чынында жок, бирок…

- Бул жерде калгың келбейби?

- Сизге оорчулугум тийбес бекен?

- Кайдагы сөздү айтпа Эмма, чын сүйлөп ачык айтканга үйрөн.

- Жарайт, бараар жерим жок, батир жалдаганга акчам жетпейт, "иштегеним" күнүмдүк тамагыма зорго жетет, - деди жер карай.

- Анда кетем дечү болбо.

- Канчага чейин тураар экенмин?

- Бутуңан тургуча же күйөө тапканча, - Шамбет шарт бурулуп бөлмөсүнө кирип кетти, Эмма үндөгөн жок, бир ордунда тура берди, кеткиси келбеди, Шамбеттин мүнөзү жагып калды, түндө өзүнө тийбегени адептүүлүгү деп ойлоп ичинен сый көрсөтүүгө даяр эле, бирок оюнда ага өмүр бою кызмат кылууга даяр: "Балким ар ким менен жүргөн ыплас аял деп жийиркенгендир", - деп да ойлонуп жиберди. Тээ бир-эки сааттан кийин бөлмөдөн чыгып келе жатып Эмманын баягы жерде тикесинен турганын көрүп:

- Ой сага эмvне болду, отуруп телевизор көр, же видик көр, - деди ага.

- Макул байке.

- Эс ал, кароолчудай какайбай, - деп ваннага кирип баратканда телефон чырылдап калды, Шамбет артына кайрылып трубканы алды, - Ало, угуп жатам, да-да эң жакшы, үйүн таптыңарбы, сүрөттөгү аял бекен, жарайт-жарайт, иштеген жерин дагыбы? Ооба-ооба, дал ошондой кылгыла, адегенде экөөнү тең алып баргыла, анан өзүм барам, макул, - деди да трубканы коюп кайра туалетке кирип кетти. Эмма телевизордо кызыктуу нерсе жогунан двиди койду да ичиндеги кинону көрүп отуруп калды. Кечке экөө эки бөлмөдө отуруп кечки тамакта чогуу үстөлдө отурушту. Эмма өзү чынында үй ишине тың, илбериңки кыз, шыпылдап өзү баарын жасап жүрө берди. Үчүнчү күнү Шамбет телефондон бирөөлөр менен сүйлөштү да кайдадыр кетмек болуп баратып.

- Эшикти илип ал, келбей калышым да мүмкүн, зарыл иш чыгып калды, сен үйдөн чыкпа макулбу? - деди.

- Жарайт, эч жакка кетпейм.

- Анда эшикти илип ал, - деп чыгып кетти. Ал сыртта күтүп турган машинага түштү да жөнөп кетип ээн жердеги бактуу дача сымал үйгө келип түштү.

- Баары даяр, көздөрү байлануу, - деди Бакыт.

- Эң жакшы.

- Кире бериңиз.

- Бара бергиле, - деп терезелери чоң, кенен үч-төрт бөлмөлүү үйдүн төрүнө өтүп буту колу байланган, көзү таңылуу аялды тааныбай көпкө карап турду, анткени Кундуз абдан толуп кеткен эле, көзү таңылуу болгондуктан: "Башка аялды алып келип алган эмеспи", - деп туруп калганда:

- Сен кимсиң, мени эмнеге алып келдиң? - деп жиберди Кундуз тыбырчылай, - Өлө албай жүргөн эмесиң го ээ?

- Жок, киши өлтүргөндү үйрөнөйүн деген немемин.

- Эмне, сен кимсиң, үнүң тааныш, эгерде күйөөм билсе тирүүлөй асып коет.

- Ошончолук каардуубу?

- Колунда бийлик бар, билесиңби ал деген бандиттер менен байланыш, силерди атып коет.

- Балким мурдатан эле ошондойдур?

- Кимсиң деп жатам, эмчектеги балам калды үйдө.

- Күйөөңдү сүйөсүңбү?

- Сүйбөсөм тиймек белем.

- Аялы менен балдарын сен үчүн кыйып салдыбы?

- Сен кимсиң, ушу сени көрсөм тааныйт элем, кое бер мени, балдарым эмне болду? - деп буту колун кыймылдатып бошонууга аракеттенип жатты.

- Күйөөң кайда?

- Жумушунда да.

- Канча балаң бар?

- Үчөө.

- Балдарыңдын санын билбейсиңби, же башка балаңды балам деп атоого тыюу салды беле?

- Эмне, кайдагы бала?

- Аргенчи?

- Сен… Сен Шамбетсиңби? - Кундуз башын көтөрдү. - Шамбет кечир мени, мен күнөөлүү эмесмин, баары Бектурсундун кесепети, - Кундуз ыйлап кирди, - Кечир мени Шамбет!

- Сен мени ким менен чаташтырып жатасың?

- Аа-а, башка болсоң мени неге тескейсиң?

- Күйөөнү кор туткан аял саткан аял өз жазасын алышы керек го?

- Шамбетти мен саткан жокмун, Бектурсун сатты, ал мени зордоп эле алып баса берди, - деп жанталашып жатканда аркы бөлмөдөгү оозу-көзү таңылып жаткан Бектурсун баарын угуп: "Демек кеткен келет, кетменделген келбейт деген ырас экен да, каап ажалың жок шоруң бар неме экенсиң, ушул жерден аман-эсен чыксам колума тирүү тийгизип териңди тескери гана сыйрыбасамбы, кек алгысы келген экен да, тиги канчыкты кара, ага жалдырап жатканын, катынга ишенбе деген ушул эмеспи", - деп ойлонуп жата берди. Бир кезде Шамбет Кундуздун оозуна скоч чаптады да аркы бөлмөгө кирди, Бектурсун дагы дал Кундуз сымал буту-колу, көзү байлануу жаткан.

- Куш келипсиз? - деди Шамбет үнүн өзгөртө.

- Сен кимсиң, мени эмне максат менен алып келдиңер?

- Күнөөсүзсүңбү?

- Күнөөм жок, аялымды эмнеге алып келдиңер, эмнеге аялга тийишесиңер?

- Аялыңбы? Балким ал башка аялдыр?

- Менин аялымдын үнүн тааныдым го?

- Бас жаагыңды! - Шамбет аны көчүккө бир тепти, - Сүйлө, Нурматты эмнеге өлтүрдүң?

- Эмне?! - Бектурсундун үнү калтырай түштү, - Кайсы Нурмат, мен андайды уккан эмесмин.

- Жаныңды жебе, кимди өлтүргүң келгенин ачык айт!

- Сен кимсиң?

- Менин ким экенимди сурабай эле кой суроого жооп бер.

- Эч кимди өлтүргөн эмесмин.

- Жан кечти, бирөөнүн катыны кыз көрүндүбү?

- Эмне, дүйнөдө катын алмаштырган мен экенминби?

- Акмак, сендейлер жашоого акысы барбы, айтчы өзүң?

- Ким акмак, мен киммин билесиңби, түрмөгө отуруп калба, - деп тыбырчылап бошонууга аракет кылып жулунуп кирди.

- Шашпа, кимибиз түрмөгө, кимибиз тигил дүйнөгө бараарыбыз чечиле элек, сен бул жерден кетем деп ойлобо, бир жолу отургуздуң түрмөгө, эми кезек сенде!

- Мени бул жерге камоого акың жок!

- Аны сенден сурабайм.

- Сен кимсиң, бул жерге эмнеге алып келдиң?

- Али түшүнө элексиңби?

- Түшүнгөнүм жок! - деп дагы булкунду эле Шамбет дагы тээп жиберди, катуу тепти окшойт Бектурсун бакырып жиберди.

- Түшүндүңбү?

- Ооба, демек сен Шамбетсиң.

- Менин жоготкон жылдарымды төлөп бересиң.

- Кантип, өткөндү калыбына келтирүүгө болмок беле?

- Сен келтиресиң, башың менен жооп бересиң.

- Шамбет, андай кылба, эмне десең макулмун, дүнүйөмдү аянбайын.

- Өлсөң дүнүйөң меники эмей кимдики билмок эле?

- Кундузду кайра ал!

- Аны сени менен бирге узатам!

- Ошончолук жакшы көрөсүңбү?

- Жок-жок, бирок жаңылдым-жаздым Шамбет, - деп жатканда Кундуз буларды угуп жүрөгү сыздап өткөнүн эстеп көз алдынан чубуруп өтүп жатты, кыйкырайын десе оозу бекем, аргасыз жашоодон түңүлүп ыйлап жатты.

- Акчаңды, үй-мүлкүңдү азыр машина жиберем, ошого жүктөсүн, - деди да Шамбет телефонду алып келип, - Номериңди айт, - деди. Бектурсун калчылдай үй номерин айтып берди, Шамбет терип туруп гудок кеткенде кулагына такады, - Шашпай айт.

- Ало, ало, - Бектурсун калтырап айта албай жатты, Шамбет ошол убакта колундагы оюнчук пистолетти чыкыйына такаганда ого бетер жүрөгү түштү, - Ало, ало жеңе, үйдөгү эмеректердин баалуусун, чет элдик килемдерди, акчаны барган машинага жүктөп жибергиле, ооба-ооба, мен башка, башка ишке которулдум, ооба жеңе, аа-а акчабы? - Колдору, бүткөн бою калчылдап, жаактары түйүлө ийрилип жатты, - Акча төркү үйдүн төрүндөгү дубалда сейф бар, а-а баса стенканы артында, ачкыч ошонун артында илинүү, - деди да түйүлө бүрүшүп жатып анан кайра башын көтөрдү, - Жетеби, деги ушуну менен кутулдумбу?

- Бас үнүңдү, өмүрүңдү берсең да кутула албайсың! - деп өпкө тушка бир тепкенде "ык" дей түшүп унчукпай калды, - Ичиң ачышып жатабы, менин жоготкон жылдарым сенин жаныңды жыргатты беле, мени каматып рахат алдың беле, келбеске кетти деп чырагыңа май тамды беле, кан куткарбайт дегенди билбейсиңби? - Дагы тепти.

- Жок-жок, мен өлтүргөн эмесмин.

- Бөөдө өлгөн Нурмат түшүңө кирди беле?

- Жок-жок Шамбет, алаарыңды алдың, мени бошот, - Жалдырай баштады, - Айланайын Шамбет өлтүрө көрбө, кулуң болоюн.

- Жан таттуу бекен?

- Таттуу экени ырас.

- Нурматты кокусунан өлтүргөнүң үчүн өкүндүң беле?

- Өкүнбөй анан.

- Жакшы итиң өлсө да кеп кыласың, ал адам го, сенин кетмениңди чаап сени сыйлаган адамдын үйбүлөсүн кайгыга салып, кан жуткурдуң, мени киши өлтүрдү деп жалаа жаптың да куйругуңду түйүп жоголдуң, чыпалагыңа тикен киргендей болгон жок да ээ? - Тээп-тээп жиберди, Бектурсун онтолоп жиберди, Шамбет сыртка чыгып Бакыт менен Бүркүткө буйрук берди да кайра кирди.

- Шамбет, мени кечир, кое бер эми, балдарымдын күнүн көрөйүн.

- Сенин жашоого акың жок, - деди да жанына келди, жини кайнап кирген буурадай бакырды, - Бул биринчи жылым үчүн, бул экинчи жылым… - деп тепкилей берди эле Бектурсундун оозунан кан кетип кыңылдап жатты, көптөн кийин өзүн кармай анын оозуна сокч чаптады да чыгып кетти, сыртка чыгып аркы-терки басып, башын чеңгелдеп жини кайнап Бектурсунду бүктөп койгусу келип турду, бирок: "Ал өмүр бою менин колумдан итче тамак жеп, бакача секирип, жылаанча сойлоп, карышкырдай уулуп жашап өтөт", - деп ойлогон оюна өзү каткырып ийди. Дачанын кароолчусуна барып бирдеме дайындамак болду, ал өзү озуна:

- Иним, эмне дайындайын түшкө? - деди.

- Эмне болсо да дайындаңызчы, кыскасы даамдуу болсун.

- Жарайт иним жарым саатта даяр болот.

- Тездетиңиз, жакшысынан болсо андан дагы алып келиңиз.

- Табабыз, - деп ары басты, ал суу жээгинде басып жүрүп Кундузду ойлонуп жатты: "Адегенде биз абдан ысык элек, төрөбөй төрт-беш жыл жүрдү, ошол убакта деле мени жакшы көрчү, балам өзүмдүкү, эмнеге аны иштете койдум", - деп ойлонуп Бектурсун Дөөлөталиевичтин айдоочусу болуп жүргөн кезин эстеди, ошондо: "Шамбет, мейманкана деген мейманкана, эгерде аялыңды иштетип койсоң пайдасын көрөсүңөр, сен үчүн айтып жатам, баары сеники болот, сени жактырып калганымдан улам айтып жатам", - дегени кулагына угулду, бул кезде Кундуз төрөп үч айлык болуп калган. Арадан дагы эки ай өткөндө дароо өзүнө башка айдоочу таап, Шамбетти мал доктурдун шопуру кылып койгонун эстеди: "Демек ошондо эле башталган экен, кеңкелес башым, эчтекени байкабаганымды кара, билгенимде экөөнү тең өлтүрмөк экенмин", - деп муштумун түйүп алды: "Эн-неңди, окшошкон шуркуялар, бузукулар", - деди да жүгүрүп Кундузга кирди:

- Шшур-ркуя! - деп жакасынан бекем кармап муунта баштады, - Менин артымдан кытмыр күлүп, ойношуң менен ойноп-күлүп жүргөн экенсиң да, сенин айыңдан апамды көрбөй калдым, он төрт жыл бей күнөө азап тарттым, апам он төрт жыл жалгызынын караанын көрө албай арман менен өтүп кетти, ошонун баарына жооп берүүгө убакыт келди! - деп колу карышып Кундуздун деми чыкпай жатып калды, коркуп кеткен Шамбет: "Мен жинди болдумбу, киши өлтүрдү деген жаман атты ансыз да моюнумду, дагы камаламбы?", - деп түрмө көзүнө элестеп кетип Кундуздун оозундагы скочту алып озуна озун алып барып соруп кирди.

- Өө-өх! - деп жиберди Кундуз, - Өлтүрбөчү Шамбет…

- Жок-жок өлтүрбөйм, - деп жаагынан сылай эс алаары менен сүйлөп же кыйкырып ийеби деп кайра скочтоп салды: "Этият болушум керек эле, өлтүрүп албашым керек", - деп ойлонуп сыртка чыгып кетти. Ошол кезде чоң машина келип короонун тушуна токтоп калды, Бакыт менен Бүркүт түштү, алардын артынан үчөө жерге секирди.

- Баары аткарылды Шаке, - деди Бүркүт.

- Эң сонун, артыңардан эч кандай машина же бирөө ээрчиген жокпу?

- Жок, биз жолду адаштырып жүрүп айланып келдик, эч кандай шектүү нерсе билинген жок.

- Азамат!

- Бул акчасы, - деп пакетти карматты.

- Канча?

- Санаганга үлгүрбөдүк.

- Макул, жүктү түшүрүп ичке киргизгиле.

- Жарайт Шаке, анан кете берсек болобу?

- Болот, менден кабар күткүлө.

- Кеттик, жүктү түшүргүлө, - деп Бүркүт балдарга буйрук берип Шамбеттин жанында турду, - Только жаңы, кымбат, чет элдикин алдык, керектүүлөрдү да унуткан жокпуз, кыскасы сизге жактыбы?

- Мааниси жок.

- Неге, баары чет элдики экен.

- Ошонусу жакшы, бир жумадан кийин айылга алып кетем.

- Жакшы, баса жакында "Артур папаша", кутулат экен.

- Кабарым бар.

- Тосуп алууну ушул жерден уюштурабыз го?

- "Тигилерге" чалыш керек.

- Алар өздөрү алып кетет.

- Мен неге аны билбейм? - Шамбет бийик кабагын түйө карады.

- Жаңы гана уктум, балким тигил үйгө чалгандыр, - дегенде Шамбет Эмманы эстеди: "Ал бир нерсени билсе качып кетпегей эле, телефонду өчүрүп койбой", - деп ойлонуп артка басты. Чет элдик креслолор, диван спальный, сервант шифонерлер күзгүлөр, эми баары башкача кооз, алар менен бирге муздаткыч дагы келген экен, эки түрлүү муздаткыч, килемден эле алтоо келиптир, көз жүгүртө карап:

- Болгону ушулбу? - деди.

- Ооба, эскилерин албадык.

- Мейли, балдарына кала берсин, тигил аял менен күйөөсүнө тамак берип турганга бир-экөө калсын, бир айга чейин кармалат, - деди.

- Жарайт, Вулкан менен Жаа калат.

- Ошондой кыл, - деп ичке киришти да тамактанууга отурушту, Бекназар аялы экөө тамакты даярдап үстөл үстүнө коюп жатышкан. Чогуу отуруп тамактангыча күүгүм кирип кетти, - Эртең машина базардан жолугалы, - деди да чыгып Бүркүт менен шаардагы үйгө келди. Келсе эшик бек, жүрөгү шуу этип алды: "Каткан акчаны алып качты бекен, мейли акчаны туура пайдаланып жашоосуна жаратса болду", - деген ойду ойлоп эшиктин коңгуроосун басканда уйкусураган Эмма эшикти ачып жиберди.

- Келип калдыңызбы?

- Ооба, зериктиңби шайтан кыз?

- Аябай, кечке жаткан жаман экен.

- Сыртка басып келбейт белең?

- Сизди таппай калабы деп ойлодум да.

- Мындан кийин бир ачкыч сенде болот, бирок алыс кетпейсиң, кетип баратканда жазып таштаганды унутпа, - деп кызды эркелете мурдунан чымчып койду.

- Кандай жакшы адамсыз, менин агам же атам болгонуңузда кандай жакшы болот эле? - деп Эмма ыйлагысы келип барып токтоду.

- Кантет, эми сен секелек эмессиң го?

- Эрээркеп кеттим, чынын айтсам бир адам сиздей жакшы мамиле жасабаптыр…

- Мындан ары мен сени өзүм карайм.

- Оой жырга-ал! - деп Шамбетти кучактамак болуп кулачын жайып келе жатып токтой калды, - Сиз жакшы адамсыз, - деди анан ойлуу.

- Сен дагы жакшы кыз экенсиң.

- Ырас элеби?

- Ананчы, жүрөгүңдө буудайдын тагындай кара жок, пейилиң таза, ак көңүлсүң, сенин кандай экениңди дароо эле сезгемин, бирок…

- Эмне бирок? - Эмма Шамбетке карады.

- Бирок сага ишенүүгө али эрте.

- Эмне үчүн?

- Сен жашсың, терең ойлоно билбейсиң.

- Макул, өзүңүз билиңиз, - деди да жарк эте күлө карады, - Чай коеюнбу?

- Ооба, бирдеме ичүүбүз керек, - деди да ичкери кирип кийимин алмаштырып кайра чыкты, - Күндүзү кечке уктап кечинде эмнени уктамаксың?

- Бекерчилик уйкуну келтирет экен да.

- Да-а, эмне кылайын деген оюң бар?

- Билбейм.

- Сага базардан орун алып берейин, соода жасай аласыңбы?

- Жакшы болмок.

- Анда эки-үч күн чыдай тур.

- Макул, - Экөө бет маңдай туруп алып көпкө сүйлөшүп турганда чай кайнап, чай ичишти, Сиз үйлөнгөн эмессизби? - деп капыстан сурады Эмма.

- Үйлөнгөм, балам бар.

- Кайда алар?

- Айылда.

- Аялыңыз дагыбы?

- Аялым жок.

- Эмне болду эле?

- Өлгөн.

- Жаман болуптур, кечиресиз.

- Эчтеке эмес, - Күрсүнө өйдө турду, - Эки-үч күн зерикпей тура тур, анан сени бизнесмен кыз кылам макулбу? - Күлө көзүн кысып койду. Эмма анын жанына келип.

- Менин сиздей агам болгондо кандай бактылуу болмокмун, атамдын жүзүн дагы көргөн эмесмин, апам байкуш ооруп жүрүп жакшылык көрбөй өтүп кетти, - деп Шамбетти бекем кучактап алып, - Мени неге мынча сыйлап жатасыз, балким бооруңуз ооруп жатабы, чынында мен өзүмдү бул жашоодо ашыкча сезе баштагамын, эч кимим жок ээн талаада боздогон ботодой боздогон күндөрүм болгон, сизге ыраазымын, - деп чоп эттире өөп алып ары бурулуп кетти, көзүндөгү жашты көрсөткүсү келбеди.

- Эмма, капаланбай жүр, бул жашоодо жашаган адамдардын баары жалгыз, эч ким ата-эне менен түбөлүк жашабайт, атадан алтоо болсоң дагы ар жалгыздык башта бар, - деген улуулардын сөзү бар, мен дагы атамды көргөн эмесмин, апамдын өлгөнүн көрбөй, ууч топурагым буйрубай калды.

- Эмнеге, кандайча болуп?

- Узак сөз, мен кийин айтып берем.

- Жарайт, мен мындан ары ыйлабайм, - деп Эмма ашканадагы идиш-аягын жууп жыйнаштыра баштады. Шамбет үндөбөй бөлмөсүнө кирип жатып алды, ошол түнү көзү илинбеди, баласын ойлоду, кайната-кайненесин ойлоп Кундузду өлтүрбөш керек деген чечимге келди. Таңга маал көзү илинип кетти, ошол бойдон күн чыга ойгонду да шашылыш чыгып кетти. Ал келгенде Вулкан сыртта турган экен:

- Кандай? - деди ага кайрыла.

- Баары жакшы.

- Тамак ичип жатышабы?

- Аялы ичпей койду, күйөөсү ичип жатат.

- Тамак алып келгиле.

- Жарайт, - Вулкан ары басты, Шамбет адегенде Бектурсунга кирди:

- Акыбал кандай, жакшы эс алдыңызбы директор агай?

- Какшыгыңды кой, мен азыр акимчиликтемин.

- Оо-хоо, кайда болсо чеңгелимде эчендер бар дечи?

- Ооба ошондой, ар ким өз пешенесинен көрсүн!

- Пешене, - Шамбет каткырып жиберди, жин тийгендей каткырды, - Менин пешенеме сен жаздың беле, же бийликте өмүр бою отурам деп ойлойсуңбу?

- Менин пешенеме кудай жазган, менден көрбө!

- Бас жаагыңды! - Шамбет айланып келип баштан ары тээп жиберди, - Сенин арам ишиңди жабыш үчүн, катынымды бузгандыгың үчүн! - деп тепкилей берди.

- Шамбет, кечир мени, мени кечирип кой, эгерде мени кое берсең үстүңө үй берейин, өмүр бою жете турган байлык берем, - деп жалдырап ийди.

- Сен кудайдын алдына барып кечирим сура!

- Шамбет, мени өлтүрө көрбө, жок дегенде көзүмдү ачып койчу.

- Жарыкчылыкты акыркы ирээт көрүп алайын дейсиңби? - Кыжырлуу күлдү.

- Андай кыла көрбө Шамбет.

- Сендейден жарыкчылык дагы, уялып жатат, ордуң башка дүйнөдө.

- Шамбет, айланайын Шамбет, кечир!

- Кечире турган ишпи ушул, мен он төрт жыл жалган жалаа менен азап тартып келдим, сен кызматтан кызматка көтөрүлүп күнөөсүз адамдай чартактап жашадың, - Дагы тепти, жиндене тээп туруп чыгып кетти. Бетинде чүмбөтү бар, колунда тапанча кармаган экөө ага кирип колун чечип туруп алдына тамак койду. Күндө ушул көрүнүш. Шамбет Кундузга кирди, көзүн ачып колун чечти.

- Кана сүйлө, күйөөңдү жээрип, директорду сүйүп бактылуу жашап калдың, бир шопурду оңой соттотуп жиберип эркин жашап жатасың, Аргенге жадагалса энелик мээримиңди төгүүнү ойлободуң, - деп тике маңдайына келди.

- Ооба ошондой.

- Табаң канып апамды жалгыз таштап басып кеттиң.

- Эмне кылышым керек эле?

- Өзүңдүн кылган ишиңди туура деп ойлойсуңбу?

- Билбейм, - Жүзүн буруп кетти.

- Эртең сени кое беремин, тейтеңдеп эки жакка жүгүрүп милицияга барсаң жаңыласың, артыңдан күнү-түнү кайтаруучулар болот, азыр мына бул кагазга арыз жазасың, кайсы жылдан бери Бектурсун менен ойногонуңду, Нурматтын өлүмүнө менин азыркы күйөөм Бектурсун Дөөлөталиевич күнөөлүү деп.

- Жазбайм, мен күнөөлүү экенин көргөн эмесмин.

- Жазбасаң караңгы ордо тирүүлөй чирийсиң.

- Эмне кылсаң ошо кыл!

- Ошончолук эле ойношуңду катуу сүйөсүңбү?

- Ойношум эмес күйөөм!

- Ошондойбу? - Жаакка чаап жиберди.

- Өлтүрүп сал!

- Оңой эле өлгүң келип калдыбы?

- Кыйнасаң да кайылмын.

- Ушунча көк экениңди алты жыл жашап билбепмин.

- Биле элегиң дагы көп.

- Болуптур, сени менен сүйлөшүүгө болбой экен, - Шамбет чыгып кетти, ага дагы тамак алып кирип тапанча кармап турду, Кундуз суюктуктан гана жутуп тамагын ичпеди. Ошондон он күн өткөндөн кийин Шамбет айылга келсе Кундузду жоктоп ата-энеси үрпөйүп отурган экен, алар Шамбетти көрүп эле:

- Балам, бул сенин кылган ишиң эмеспи? - деди атасы Карабек.

- Кандайча?

- Сенин кегиң бар эмеспи.

- Жо-ок, менин алар менен ишим жок.

- Эмне болду, жыйырма күн болуп калды…

- Бир жакка кетишкендир?

- Кетсе келишет эле, бир нерсе болгон го? - Шааркан көз жашын сыгып алды.

- Кейибеңиздер, келип калаар, - деп Шамбет Аргенди ээрчитип үйүнө кетип калды.

- Көзүндө кектин оту күйөт, курган кыз жаңылып калды, эми эмне болот, үй эмеректерин алып кетишиптир, эми эмне болоор экен? - деди Карабек.

- Эми кандай болот? - Шааркан айласы кете күйөөсүн карады, - Милицияга берсек кантет ыя?

- Эмне деп, далилиң болбосо кандай кылып бересиң, мунун артында канча адамдары бар дейсиң, тутанбай турган отко май куйбай тынч туралы, - дешип кызынын ал-абалын биле албай сары санаага батып жатышты. Арадан бир ай өткөндөн кийин Бектурсундун сөөгү ээн жерден табылды, андан он күндөн кийин Кундузду тил оозу жок үйүнүн жанынан табышты. Ооруканага жаткырып өзүнө келгенче Шааркан карап жатты. Ал сүйлөгөн жок, атайын жалдырап жата берчү болду, тергөөчү менен милициялар келип сураганы менен эч нерсе айтпады. "Билбейм", - дегенден башка сөз чыкпады андан. Анткени Бектурсунду өлтүргөн соң жүрөгү түшүп калган, өмүр бою жүрөгүнө катып, бир кездеги күнөөсүнүн өтөөсү үчүн жашырып өтүүнү ойлоду. Шамбет эч нерсе болбогондой үйүндө жүрөт, анын үйүнө баягы үйдүн эмерегин түндөп алып келишти. Үйүнүн алдына эки кабат үй тургузду, Эмма кошо келген, көп өтпөй ага нике кыйдырып аялдыкка алды, Эмма ага кубанды, улуу деп жээрибеди. Жаш жигитке турмушка чыккандай эргип, эки бети албыра бактылуу болуп Шамбеттин төшүнө башын жөлөп:

- Бактыма бир жолуккан пенде болдуң, - деди көздөрүн күлмүңдөтө.

- Бактылуусуңбу Эмма?

- Абдан бактылуумун.

- Улуу деп чанбайсыңбы?

- Жок-жок, чанбай калайын, териме батпай турганымды сезчи, карачы жүрөгүмдүн ээлиге согуп турганын, - деп Шамбеттин колун көкүрөгүнө алып барды.

- Эркем, сен бактылуу болсоң болду, - деп бооруна кысып жүзүнөн сүйдү.

- Бактылуумун Шаке.

- Мен дагы, өзүмдөн жарым жаш кичүү келинге баш кошконума кубанычтамын, - деп Шамбет сыртка чыкты. Ал Кундуз ооруканада жатканын угуп атайын шаарга жөнөдү, ал келгенде Кундуз тамак ичип отурган, колунан кашык түшүп кетти.

- Кундуз, акыбал кандай? - деди Шамбет аста.

- Жакшы…

- Күйөөңдүн өлгөнүн угуп көңүл айтып, сенин ал-акыбалыңды көрөйүн дегем.

- Рахмат, - Колдору калчылдап турду.

- Жакшы болуп кет, - деди да кайра артына бурулду. Шааркан кызынын калчылдагын көрүп ичинен сызып калды: "Бир нерсе бар, булар бир нерсени жашырып жатат", - деген ойдо:

- Кундуз, Шамбетти көргөндө анча эмне корктуң? - деди Шамбет чыгып кеткенден кийин.

- Апа, менден эч нерсе сурабачы, анын алдында күнөөлүү экенимди билбейсиңби? - Ыйлап ийди Кундуз, - Экинчи менден эчтеке сураба!

- Мейли кызым, жаштыгың жамандыгың, өзүңдү-өзүң кем кылдың, чырактай балаң туруп эриңди жазгырдың, жазгырып эле тим болбой каматып жаман күндү салдың башына.

- Тагдырым ушул болду, үч балам жетим калды, болгон байлыгын таштабай катып кетти, үстүбүздө үйүбүздөн башка эчтеке калбады, болгону бир аз оокат калды… - Кундуз улутуна керебетке жатты, - Өмүр бою ичиме катып өтчү арман калды го ичимде апа!

- Болду балам, эми башыңдын амандыгына кубаналы.

- Ушундан көрө ошол баш кесерлердин колунан өлсөм болот эле…

- Ок, өлбөй кал кызым, өткөн өттү.

- Менин жүрөгүмдөгү азап өмүрүм өткөнчө эзип өтөт го, - Кундуз көзүн жумуп жатып калды, эненин жүрөгү сыздап эчтеке дей албады, сыртка чыгып ажатканага кирип ыйлап алды, бирок ал кызынын ички сырына эч кандай аралжы боло алмак эмес. Шамбетти канчалык пендечилик оюу менен жек көрүп кеткени менен кызынын кылыгына элдин баары кеп кылып бир кезде наала кылганда Карабек экөө тең эшикке чыга албай калганын эстеп ага эчтеке дей алмак эмес эле… Арген күз келгенде мектепке бара баштады, анын кийим-кечесин жууп Эмма карап турат, экөө ынак, бир туугандай, бирге отуруп тамактанышат, Шамбет кээде эки-үч күндөп жоголуп кетет, сырдуу адамдар түнкүсүн келип кетет, сыр билгизбей өз ишине тың, үйдө тыңыраак боло элек, апасына эстелик курдурду, маңдайына сүйрөтүн коюп баалуу таштан койдурду. Эл аңыз кылып жатышты. Демейде түрмөдөн чыккан адамдардын көбү жүдөп-какап зорго өмүр кечирип калган учурлар көп кездешет эмеспи, Шамбет жакшы келди, кыйналган түрү жок. Анын айланасында кычыраган адамдар пайда болду, баарынын үстүндө үйү бар, аял алып, экөөсү мурунку аялдары менен жашап жатышкан. Алар ар убак Шамбет менен кездешип турушат, кадимкидей үйбүлөлөрү менен катышып турушат. Арген мектепти бүтүп, эки жылдан кийин жогорку окуу жайына тапшырып окуп калды, ал бир күнү сабактан чыгып келе жатып аудиториянын эшигинде турган кызды көрүп басып кете албады:

- Чоң кыз, бирөөнү күтүп турасызбы?

- Ооба, - деп кыз жактырбагандай түр көрсөткөнү менен келишимдүү зыңкыйган жигитти сыдыра карап койду.

- Ушул жерде окуйсузбу?

- Жок, ишим бар.

- Деги кайда окуйсуз сулуу кыз?

- Университетте.

- Кайсы?

- Кыргыз-тил адабияты боюнча мугалим болом.

- Ошондой, а-аа өзүңүзчү?

- Адвокат болом го.

- Жакшы.

- Таанышып алалы, менин атым Арген, - Арген колун сунду.

- Насыйкат.

- Ушундай ат да болобу? - Арген күлүп койду.

- Эмнеге болбойт экен, Насыйкат деген уламыштагы күүнү билесизби?

- Укканым бар.

- Эмесе менин күткөнүм келди, - деди да чыгып келе жаткан кызды карады.

- Жакшы экен, бирге бассак болобу кыздар?

- Насыйкат сен эмне дейсиң?

- Каалагандай болсун.

- Рахмат кыздар, - Арген жылмая кыздар менен бирге басты.

- Аа-а кечиресиз, менин атым Арген.

- Мен Гүлбүүмүн, - Гүлбүү оштоно күлө карап ортого түштү. - Силер мурун тааныш болсоңор керек, ушундайбы курбум?

- Азыр гана тааныштык.

- Ошондойбу, үлгүргөн экенсиңер да.

- Ооба, кээде күтүлбөгөн окуялар болуп өткөн сыяктуу, - Насыйкат экөөнө тең карабай алдын карап баратып сүйлөдү.

- Табышмактуу кыз экенсиз, - Арген Насыйкатка карады.

- Деги эле адамдын ичин билип болбойт эмеспи, баарынан адамдын сырдуу болгону жакшы…

- Оюңузга кошулам, бирок адамдардын баары биз ойлогондой эмес да.

- Туура, эмесе көңүлүңүз калбасын, биз кетишибиз керек, - деди Насыйкат, - Гүлбүү кеттикпи?

- Албетте кеттик, Арген көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - деп Арген аларды карап кала берди.

- Кычыраган жигит экен, - деп Гүлбүү Насыйкатка карады, - Кайда окуйт экен?

- Юридикалык факультете.

- Оо, келечекте акыйкат издеген адил адам болот тура.

- Ошондой.

- Мага жагып калды.

- Ким көрүнгөн эле жага береби сага?

- Кимди жактырдым эле, койчу ушундайыңды.

- Гүлжигитти деле ушинтпедиң беле, Азаматчы, Айтемирчи?

- Ой аларды жактырбай эле мактап койбодум беле? - Таарына тултуң этти, - Өзүң жактырып калсаң тийишпейм.

- Кайдагыны айтпачы, эркек болсо эле көз сала бере тургандардан эмесмин.

- Анда Аргенди мен чаап алайын.

- Чапмак турсун байлап ал, - Экөө тең күлүп калды.

- Мени эмес сени жактырып калсачы?

- Бир көрүп жактырганга ишенбейм.

- А мен ишенем, - Эки курбу аялдамадан унаа күтүп отуруп үйлөрүнө кетишти, Арген жатаканасына келсе эч ким жок экен, кыязы түшкү тамакка кеткен окшойт, чечинип алып ашканага түштү, тамагын ичип алып бөлмөдө китеп окуп отуруп китебинин ичинен открытка таап алды, карап көрсө сүйүү жөнүндө жазылган экен: "Арген, мен сени сүйөм, сен мени карабайсың билем, бирок мен сени түбөлүк сүйүп өтөм, билесиңби сени сүйгөнүмдөн улам окууга дагы көңүлүм келбей ооруп калдым, оорума сенин гана сүйүүң даба болоорун унутпа! Сырдуу кыз", - деп коюптур.

- Кызык, ким болду экен? - деп отурганда бирге жашаган балдар кирип келип өз-өз ордуларына отуруп калышты.

- Эрмек, Айтурган кандай кыз деп ойлойсуң? - деди Асек дегени.

- Сенчи, сенин оюңча кандай кыз? - Эрмек кайра өзүнө суроо узатты.

- Мага бир жери жакпайт, болбосо…

- Кай жери?

- Көп күлөт.

- Күлсө эмне экен, күлкүсү өзүнө жарашкан кыз.

- Ошондойбу?

- Ооба, ал күлгөндө менин карап тура бергим келет.

- Сен аны сүйүп калган жоксуңбу?

- Сенден өтүнө албайм, досумсуң да.

- Арген, сенин кызың барбы? - деди Эрмек.

- Жок, эмитен кызды эмне кылам, окууга жолтоо болот.

- Ой ат-та, студенттик куракты ойдогудай кыз сүйүп өткөргөн жакшы эмеспи? - Эрмек менен Асек күлүп калды, - Эң сонун курак ушул курак да.

- Ооба, бирок мен үчүн эмес.

- Сен эмне доор сүргүң келбейби, жаштык курак бир келип кетет го?

- Өз учуру бар, - деп Арген китептен көзүн албай отуруп алды, көз алдынан бирге окуган кыздарды, жатаканадагы кыздарды өткөрүп жатты ал: "Эмнеге кыздар өздөрүн жеңил баа кылышат, мен кандайча өзүм көрбөгөн кызды сүйүшүм керек, деги ал кайсы кыз, мен аны неге сүйүшүм керек", - деп ойлонуп отурганда Эрмек тийишип калды:

- Арген, сен бирөөнү сүйүп калгансың го?

- Эмнеге?

- Ойлуусуң.

- Сабак окуп жатам, бүгүн китепканага барбадым.

- Неге барган жоксуң?

- Жөн эле.

- Кой, бир аз сейилге чыгып кыздарга барып келели, - дешип Эрмек менен Асек чыгып кетишти.

- Жолуңар болсун, - деп койду Арген: "Кызык, мага сүйүү деген ыйык сезим келе элек окшойт, кыздарга таптакыр эле көңүлүм жок, а бул кайсыл кыз болду экен", - деп негедир көргүсү келди. Бирок кантип? Сабагына көңүлү келбей сыртка чыкты, эки жакты карап эки-экиден сүйлөшүп турган кыздарга көңүлүн бурду, алар дагы Аргендин оюн окуп койгондой жал-жал карап шыңк-шыңк күлүп коюп жатышты. Андан ары барып кыз-жигиттердин кучакташып турганын көрдү, алар бири-бирине кыналышып сүйүүнүн рахатына батып кыздын наздуу күлкүсү чыгат, жигит күлкүлүү сөз айтып жаткандай. Арген эч нерсеге көңүлү келбей басып жүрдү. Асылжан менен Гүлмира алдынан чыкты, экөө тең университетте окуучу.

- Арген, кайда жөнөдүң? - деди Гүлмира.

- Эч жакка.

- Бош болсоң парк жакка басып келбейлиби? - деди Асылжан.

- Көңүл жок.

- Неге, качан болсо жалгыздап жүрөсүң да.

- Мүнөзүм ушул.

- Сүйгөн кызың барбы Арген? - деди Гүлмира кылгыра.

- Эрте, эмне кылам эмитен.

- Жаштыктын кызык учурун кыз сүйүп, кыз жандабай өткөрүп ийгениң кантип болсун.

- Али жакшылык алдыда, жаштыктын өзүнүн убагы бар да.

- Мейли, кыскасы биз менен бакка барбайт экенсиң да.

- Ийи…

- Жарайт, өзүң менен өзүң боло бер, - деп эки кыз ары басып кетишти. Арген Гүлмираны артынан карап койду: "Жакшы кыз, сулуу дагы", - деп ойлонуп койду. Туш келди басып жүрүп кечинде кирди, китебин ачса эле открытка көрүнүп ойлору чачкын болуп дагы эчтекеге көңүлү келбей жатып алды, кечки тамакка дагы барган жок. Чогуу жашаган балдар кеч келип күлүп сүйлөшүп жатып Аргендин көңүлү чөгүңкүсүн байкашты:

- Арген, сен кыз сүйүп калган жоксуңбу? - деди Эрмек..

- Жок, эмитен кыз сүйүп башыма азап үйүп отурамбы?

- Ой ат-та, кыз сүйгөн азап деп ким айтты сага, жыргалдын жыргалы сүйүү даамын таттуу эмеспи, көп нерседен куруу каласың, минтип жүрсөң.

- Силер тата бергиле.

- Өзүң бил, кыздардан өткөн жыргал жок, көңүлүңдү эргитет, өмүрдү жашартат сүйүү деген, өз акылың өзүңдө, - деп кайрадан өздөрүнчө болуп калышты.

- Айтурган мага абдан жагат Эрмек, сен кандай дейсиң, ага мен жагамбы? - деп Асек Эрмекти карады.

- Жагасың, бирок сен ага ачык айтышың керек.

- Кантип, азырынча чочутпаш керек.

- Чочутканда эмне, кайра сүйүнбөйбү, кыздардын сырын билбейт экенсиң, алар жигиттин сүйөм дегенин угууга куштар, алар ошондой калк келет, сүйүүнүн рахатын таттууга эрте киришет кыздар, эртең жакшы көргөн гүлүн сура, анан гүл көтөрүп барып сүйүүңдү айт.

- Ой айталбайм го?

- Кыз алдында мокок болбо досум, эгер сырыңды эмитен билгизип койсоң болбойт, - деди Эрмек баарын билгендей бакылдап жатты, - Менин Гүлсарама сүйөөрүмдү айтканда кандай абалда калганын билесиңби?

- Кандай болду эле?

- Сөз сүйлөй албай мени жалжылдай карап, чын элеби, чын айтасыңбы? - деп бир топко карап эси ооп калды.

- Кызык, ошончолук сүрдүү болот экен да? - Асек Эрмекти далдая карады.

- Кыздарга жакшы мамиле гана жагат, кооз сөздөрдү айтсаң кыялданып сенин көзүңдү карашат, эч нерсенин көзүнө карабай сени кудайындай көрүшөт, ошентип алданып калганын сезбей дагы калат, - деп Эрмек мактанып кирди, - Мен эки кызды сүйөм, - деп айтып алар калды, эми Гүлсарага дагы сүйөм деп койсом күндө кардымды тойгузуп чөнтөгүм жукарганда багып жатпайбы.

- Сен анда Гүлсараны деле сүйбөйт экенсиң да.

- Үйлөнгөнчө далай кыздар калат да дос.

- Мен Айтурганды алдабайм, чын сүйөөрүмдү, эч кимге алмашпасымды ага айтуум керек, - Асек ойлонуп калды, - Же кат жазып сумкасына салып койсомбу?

- Тике эле өзүнө айтканың дурус, кыздын жүрөгү назик келет.

- Эртең сөзсүз айтам.

- Во, эми оңолдуң, - деп Эрмек колдоп койду.

- Болду, эс алалы, эртең окууга барыш керек.

- Жарайсың, сөз камдап ал, андан сүрдөп өзүңдү билбей калба, - Эрмек каткырып алды, - Эх кыздар-кыздар, кандай гана ишенчээк дагы, ак көңүл назик жандар, мен кыздардын талуу жерин билем да.

- Сен кыздарды кол жоолукча алмаштырып жүрсөң сабакка кантип жетишесиң? - деп сурады Арген баш көтөрө.

- Баарына жетишем, - деп койду Эрмек арсалактай.

- Билгениңди кыл, бирок кыздарды ыйлатканың болбойт.

- Ыйлап басылат да, башканы таап алат.

- Кыскасы өзүңө сак бол, чыныгы сүйүүгө кабылган кезде кыздардын ишенимин кетирип алганың өзүңө жаман болот, - деп Арген ары карап жатып алды, жарыкты өчүрүп жатып калышты. Эртеси ал окуу жайдын алдынан Насыйкатты дагы көрдү бул жолу кыз өзү жайдары учурашты.

- Силерге күндө жолукмак болдум, бул жерде иштерим бар, - деди ал.

- Кандай иш?

- Мен бул жакта окуучумун, анан которулууга туура келди…

- Бул жерде окуганыңда жакшы болмок экен.

- Неге? - Насыйкат Аргенди карады, - Эмнеге андай деп ойлойсуз?

- Күндө көрүшүп турмак экенбиз, Гүлбүүнү күтүп жатасыңбы?

- Жо-ок, бүгүн ага келбедим, ишим бар.

- Бүттүбү анан?

- Ооба, кеткени жатканмын.

- Бир аз баспайлыбы?

- Макул, өзүм дагы зеригип турган элем, - деди Насыйкат жылмая.

- Кеттик, - деп Арген кызды колдон алды, - Жүрү отуруп сүйлөшөлү.

- Колумду кое берчи, катуу кармап алдың, - дегенде гана бекем кармап алганын сезип күлүп жиберди.

- Кечирип койчу Насыйкат.

- Эчтеке эмес, - Экөө отургучка отуруп алып сүйлөшкөнгө киришти.

- Кайдан болосуң Насыйкат?

- Жети-Өгүздөн.

- Канча бир туугансыңар?

- Жети, эң кичүүсүмүн.

- Мен сен окуган жерди көрүп алайын, өзүм бош убакта барып турам.

- Макул, сен өзүң кайдан болосуң?

- Мен шаардын четинен болом, өзүм жалгызмын.

- Аа-а, башка төрөгөн эмеспи апаң?

- Ал башка күйөөгө тийип кеткен.

- Аа-ай, атаң кийин үйлөнгөн эмеспи?

- Жакында инилүү болдум.

- Оо жакшы экен анда, азыркы апаң жакшыбы?

- Ооба, мен жакшы көрөм, инимди дагы.

- Мен кичикий баланы жакшы көрөм, эжемдин баласын көтөрүп жүрө берем, ал мени жакшы көрөт, - деп Насыйкат кубанычтуу сүйлөп жатты.

- Насыйкат, жигитиң барбы?

- Жок, эмнеге сурадың?

- Деги да.

- Мен эч ким менен сүйлөшпөйм.

- Аа-а, сүйүп көрдүң беле?

- Жо-ок, сүйгөн эмесмин, али эрте деп ойлойм.

- Мен дагы ошондой деп ойлойм, себеби окууну бүтүп жумушка орношуп анан деле сүйүүгө жетишебиз деп ойлойм.

- Мен ойлогон ойду ойлонот экенсиң, менимче азыр өтө эртелик кылат.

- Азамат, жашоодо баарына жетишебиз.

- Макул, мен барайын, үйдөгүлөр күтүп калышат, - Насыйкат ордунан турду. - Жакшы кал, көрүшкөнчө, - Жылмайып койду эле Арген аны менен катар басты.

- Эртең келесиңби бул жакка?

- Ооба.

- Анда эртең баралы ээ, сен окуган окуу жайга.

- Макул, кеттим анда.

- Жакшы бар, эртеңге чейин, - деди да Арген өз жолуна түштү, негедир бул жолу көңүлү эргий рахаттанып алды: "Насыйкат жакшы кыз, биз бири-бирибизди жөн гана жактырабыз, сыйлашабыз ошентип биз сүйүүбүздү бышырабыз, ага чейин окуубузду бүтүп иштегенге жетишебиз", - деп ойлонуп алып үйүн көздөй жөнөдү. Келе жатып жолдон Гүлмирага жолугуп калды.

- Кандай Арген?

- Жакшы.

- Арген…

- Эмне болду?

- Аа-а эчтеке эмес…

- Эмне сөзүң бар эле? - деди да: "Кат жазган ушул болуп жүрбөсүн, кантип эле өзү кат жазсын, бул эмес болуш керек", - деп ойлонуп ийди.

- Арген, сага бир кыз ашык болуп калыптыр.

- Ким экен ал?

- Атын айта албайм, бирок мына бул жерде жашайт.

- Окуйбу?

- Ооба, медик болот.

- Сүйүүсүн кантип кыздар өзү айтсын.

- Кээде боло берет, азыр жыйырма биринчи кылым эмеспи.

- Ошондо да кыргыздын кызы андай болушу мүмкүн эмес.

- Азыр тең заман да, ар ким өз оюн ачык айтууга акысы бар.

- Болуптур, өзүңөр билгиле, а менин сүйүүгө убактым жок, - деди да Арген жатаканага кирип кетти, Гүлмира үндөбөй карап калды: "Эми дагы кат жазса балдарга, кыздарга көрсөтөмүн да кол жазманы табам", - деп ойлонуп алды. Ошонун эртеси Шамбет келди, ал Аргенди үйүнө алып барып:

- Уулум, сен жатаканада турбай эле кой, сени бир бөлмө үйгө алып барам, анан сенин машинаң болот, - деди.

- Чынбы? - Арген кубанып кетти, - Кандай машина ата?

- Эртең базар, машина карайбыз, жактырган машинаңды аласың, - деп күлүмсүрөй уулун эркелете карады.

- Рахмат ата.

- Али эрте уулум.

- Ата, апама жолуксам болобу?

- Неге, сен аны билесиңби?

- Билем, үйүн деле билем ата, каршы болбойсуңбу?

- Жок уулум, апаңа жолугушуңа каршы болбойм, каалаган убакта барсаң болот, сен апаңдын дагы, менин дагы уулумсуң, он сегизге чыктың, өзүң чечесиң.

- Рахмат ата, машина алганда барайынбы?

- Макул.

- Мен ага мактанам ата, эч качан мага келген эмес, таятамдарга учурашып кана келчү, - Арген ойлуу атасына карады. - Эгерде сиз келбесеңиз айылда жүрмөкмүн, окумак эмесмин, апам мени бир дагы жолу жакшы көргөн эмес. Күйөөсүнөн өтүнө албаганын билчүмүн, - деп Арген улутунуп алды.

- Турмуш ошондой уулум, анын жашоосу ошол болгондур, андан корккондур.

- Коркуп өз баласын кечип коебу ата?

- Ошондой учурлар болот, бала ата-энеси жөнүндө билбей туруп күнөөлөбөш керкек, кечиришиң керек апаңды, кандай болсо дагы апаң, ал сени төрөгөн уулум.

- Болуптур ата, апамды кечирем, - деп Арген жер карап калды. Эмма аларга тамак алып келди, уулу талпынып калган, аты Арсен, Арген абдан жакшы көрөт.

- Арсен уктап жатабы? - деди Шамбет Эммага карап.

- Ооба, уктап калды, күндүз колду кармайт, тынчы жок таптакыр, сенин кийимдериңди жууй албай калдым.

- Эчтеке эмес, которгонго кийим бар, шашылбай баланы карай бер.

- Мен Арсенди көрүп чыгайынчы, - Арген төркү бөлмөгө кирип кетти.

- Эмма, Аргенди үйлөнтсөк кантет?

- Өзү үйлөнө турган ою барбы?

- Билбейм, сурап көрөйүн, ушундайда үйлөнгөнү жакшы эле.

- Сүйлөшүп көр, али экинчи эле курс го, бир-эки жыл күтө турсак болот го?

- Өзү эмне дээр экен, сурап көрөлү ээ?

- Ата, Арсен чоңоюп калган тура, - деп Арген күлүп келип калды.

- Сага окшош бекен?

- Аябай окшошуп калыптыр.

- Арген, отурчу балам сүйлөшлү.

- Эмнени ата?

- Отур, мен сага бир нерсени айтам, - деп Шамбет Эмманы карады.

- Угуп жатам, айта бериңиз.

- Сени үйлөнтөлү деп жатабыз.

- Эмне-е? - Арген көзүн алайта карады.

- Сүйлөшкөн кызың барбы?

- Ата, азыр эрте го, мен окуумду бүтүшүм керек.

- Бүтө бересиң, үйлөнүп алышың керек.

- Ата, азыр үйлөнбөйм, - деп Арген атасына дулдуя карады, - Адегенде окуп алайын, андан кийин жумушка орношуш керек, анан көрөбүз, - деп туруп кетти. Шамбет менен Эмма бири-бирин карап тим болушту. Эртеси машина базарга барышып машина тандап түшкө жакын Ауди-100ну жактырып ээси менен сүйлөшүп бат эле макулдашып, ээси аны каттоодон өткөрүп бермек болуп анан үйүнө келди, Арген өзү айдаганды билет, права алып берип бир жумадан кийин шаарга айдап келди, адегенде стоянкага коюп сабакка кирди, андан кайра жатаканага барып Эрмек менен Асекти салып алды да ойноп жүрүштү.

- Арген, машинаңды көрүп кыздар сени талашышат эми, бай балдарга кыздар атайын тузак коюшат, - деди Эрмек.

- Мен кыздарга оюнчук эмесмин.

- Көрөсүң го, сени айланчыктай башташат.

- Силердин кызыңар келбесе болду, башкасын көрөөрмүн.

- Биздин кыздар го келбейт, башка кыздар сага ашык боло башташат көрөсүң го? - Асек кымыңдай күлө карады, - Андан көрө сак бол, кыздардын торуна түшсөң чыга албайсың, сүйбөгөнүңдү ошондо көрөм, кыздар ошондой сыйкырдуу жандар болушат, назиктигин айт чиркин.

- Сен жүз жылдар жашагандай сүйлөйсүң да, кыздардын андай сыйкырын кайдан билесиң? - Арген кылчая карады.

- Ээ дос, көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

- Ошондойбу?

- Бул өзү кыздарды көргөндө жантыгынан жата калат, - Асек сөзгө кошулду.

- Кана, кайда баралы? - деп Арген балдарга карады.

- Жакшы эс алып келели, кыздарды алып албайлыбы?

- Бүгүн кыздарды салбайбыз, өзүбүзчө эле ойноп келебиз.

- Жарайт, бир күнү жакшы вечеринка уюштурабыз.

- Анда жөн эле жолдордун эрежеси менен таанышалы, сен жакшы айдайсыңбы?

- Атам үйрөткөн.

- Сак бол, демек өз алдыңча бүгүн гана айдап жаткансың го?

- Ооба, өз алдымча биринчи жолу.

- Анда этият бололу, правиланы жакшы үйрөнгөнчө жолдо жүрөбүз, - деп күлүп калышты, анан үчөө ар бир көчөнү айланып жүрүп кеч келишти, алар каткырып күлүп жатканага жеткенден кийин кийимдерин жыйнап алды да.

- Мен кеттим балдар, өз үйүмдө жашайм, - деди.

- Жолуң болсун.

- Жакшы бар, деп балдар менен баштарын тийгизе коштошуп жатканда Асылжан, Гүлмира, Аруузат деген кыздар жете келди.

- Арген, кетип жатасыңбы?

- Ооба.

- Эми окубайсыңбы?

- Окуйм, болгону жатаканада турбайм.

- Оо, крутой экенсиң да, үй алып бердиби ата-энеңдер? - деди Гүлмира.

- Мурда эле бар болчу, бирөөлөр жашоочу, бошотуп беришти, давай жакшы калгыла.

- Жакшы бар, - дешип кол булгап кала беришти, Аргендин кубанычында чек жок, ал жолдо баратып апасын ойлоду, эрксиз эле Бектурсундун үйү жакка бурулуп кетип жатты. Кундуздун кийинки эки баласы чоңоюп калган, кичүүсү бешке чыгып бедиреп апасынын жанына чыкпайт, болгон окуядан кийин Кундуз ата-энесине көп каттабайт, өзү менен өзү, көп сүйлөбөй дагы басмырт болуп кеткен. Бектурсундун эжеси анан иниси бар. Айрыкча эжеси Кундузду жаман көрчү, үйүн бузуп тийди деп көп асылчу, мурунку аялынан эки кыз, үч уулу бар, алар атасы өлгөндө өгөй энесин абдан демитишкен болчу. Бирок Кундуз эчтеке билбесин айтып тим болгон. Арген келген учурда дагы кайнежеси Тумаркан бар эле, ал Кундузга:

- Сен жолукканы Бектурсун оңбоду, үй-жайын буздуң, балдарынан бөлдүң, акыры өлтүрүп тындың, сен анын кандайча өлгөнүн билесиң, кеч эмес эми дагы, сен ачыгын айт, карматып жазасын алгыдай болсун, - деди.

- Эже, Бектурсундун кандай иши барын кайдан билем, мени дагы байлыгыңар кайда катылган деп өлгөндөн бери кылды, - Кундуз күнөөлүүдөй жер карады.

- Кандай билбейсиң, жок дегенде үнүн, өңүн баамдап калгандырсың.

- Менин буту-колум байлануу, көзүм таңылуу болду, сыз жерде жаттым, азапты жыйырма эки күн тарттым, Бектурсунду кайда алып кеткенин билбейм, мени эле алып кеткен экен деп ойлогомун, анда акча өндүрмөк болсо керек дегем.

- Тилегиң гана каткыр десе, кандай гана акмактар болду экен?

- Ким билсин, жеңемден кийин уктум, үй-мүлктү Бектурсун өзү жүктөткөн тура, анысын кайдан билдим.

- Кантейин, киши өлтүргөн кылмышкер жазасыз калабы, тергөөчүдөн билип, сурап жатасыңбы?

- Сураганда эч иги-жиги жок деп жатпайбы?

- Апа, - деп улуу баласы Тургун кирди, - Эшикте бир бала чакырып жатат.

- Ким экен?

- Билбейм.

- Азыр чыгам, - деп кайнежесине карады, - Тергөөчү болуп жүрбөсүн?

- Ким болсо дагы жолугуп көр, - деди Тумаркан башын ийкеңдетти, - Кылмыш ачылса кана, - Кундуз сыртка чыгып баратып эле Аргенди көрдү.

- Кандайсыз апа? - Арген умтула берди.

- Эмнеге келдиң? - Кундуз ушинткенде Арген токтой калды, - Эмнеге келдиң, экинчи келбей жүр! - деп кирип баратканда.

- Апа, мени неге мынчалык жек көрөсүз, менин не айыбым бар? - деди Арген үнү калтырай.

- Сени көргүм келбейт, бар кете бер!

- Апа, мен баары бир сизди жакшы көрөм.

- Бар дейм! - деген Кундуздун башы тегеренип, көзү караңгылай босогого жөлөнүп туруп калды.

- Апа, ал сизди апа дейт го, ал дагы сенин балаңбы? - деп Тургун апасынын жанына келип анын көзүнүн жашы төгүлүп тиштенип турганын көрүп Аргенди бир, апасын бир карап туруп калды, он үч, он төрттөгү бала бир нерсени сезгендей экөөнө түшүнө албай турганда Тумаркан чыга калды.

- Ким экен ал?

- Эч ким, тааныштарын издеп жүрсө керек, - деп Кундуз көз жашын аарчый кирип кеткенде Арген артына кандай кайрылып машинасына кантип отурганын сезбей калды, буркурап ыйлап жатты, көптө барып анан өзүнө келип машинасын айдап айылды көздөй жөнөдү. Күн-Тууга келгенде кеч болуп калган, таятасынын үйүнө кирип келип эле:

- Апам мени төрөгөнбү де багып алганбы? - дегенде Карабек менен Шааркан бири-бирин карап саамга туруп калышты, - Эмнеге мени балам дебейт, менин күнөөм кайсы, атам менен ажырашканына мен күнөөлүүмүнбү таята?!

- Уулум, отуруп түшүндүрчү, - деди Карабек.

- Келе гой каралдым, бакпай этпей эле өзү төрөгөн, ал ооруп жүрбөйбү, - Шааркан тура калып Аргенди кучактап өөп бооруна кысты, - Энеңди кечир уулум, аны бир каракчы жыйырма күндөй уурдап кетип ошондон кийин ооруп оңоло албай жүрөт балам.

- Мен билем, апам мурда келгенде деле мени эч өпчү эмес.

- Андай эмес, сага кийим-кече алып келип акча таштап кетчү балам, отура гой, андан көрө окууң кандай, ошону айтчы садага.

- Окуум жакшы, - деп Арген дулдуя таятасынын жанына отурду.

- Чай ич балам, азыр тамак бышат.

- Тамак ичпейм, кайра кетишим керек.

- Ботом бышып калды, эт менен май сүзмө салып берейин, - деп Шааркан өйдө туруп баратканда:

- Таене убара болбоңуз, мен апамдын үйүнө барсам ал кабыл албады, мен ага кубанычымды бөлүшкөнү, машина алганымды сүйүнчүлөйүн деп баргам, - деген Арген ыйлап жатты, - Өгөй балага дагы андай мамиле жасабайт го, мен өз апам деп баргамын, неге мени ошончолук жек көрөт, айткылачы мага, төрөлбөй жатып кандай күнөө кылдым апама?

- Олда-а садагам ай, аны үйгө чакырып келип айтып түшүндүрөм, - деп Шааркан кайсалактап баштыктарга бирдемелерди салып кирди:

- Уулум, машинаң кут болсун, жүрү көрөлүчү, атасы кандай жорго алып бергенин, - деп Карабек алаксытмакка тура жөнөдү.

Экөө ээрчише чыкканда Шааркан артынан арча алып чыкты.

- Качан алып берди балам?

- Кечээги базарда.

- Кут болсун балам, мына муну көрүндүккө алып ал, - деп Карабек мурдатан камдап алган эки миң сомду колуна карматты.

- Таята, тим эле коюңузчу.

. - Ал балам, керек болот, анан дагы салт деген болот.

- Унааң ак жолтой болсун балам, ылайым жорголоп жакшылыкка жүрүп турсун, өзүңдүн жаның бек болуп ылайым аман жүр, - Шааркан машинаны ысырыктап жатты, - Ак жолтой болсун.

- Размат таене, таята сиздерге өмүр бою карызмын.

- Эми кир үйгө балам, караңгыда үйдөн чыкпа.

- Атама дагы жолугайын, биякка келгенимди билсе таарынышат го?

- Тамак ичип алып бар анда, - деп Карабек менен Шааркан кетирбей үйгө киргизишти, бирок Аргендин балалык сезими жаралуу куштун канатындай дирилдеп, жүрөгү сыздап эне деген ыйык туткан адамы аны кабыл албай, тааныштарын издеп жүрсө керек деген сөзү анын жанын жай алдырбай жатты: "Өз баласын жериген эне болот экен да, мен не күнөө кылдым ага, мен дагы апа деп эркелегим келет, анын эркелеткенин көргүм келет, неге ошону түшүнбөйт", - деп ойлонуп отуруп болоор-болбос тамак ичимиш болду да:

- Атамдарга барайын, - деди дасторконго бата кылып.

- Барсаң бар балам, түндөп жолго чыкпа, эртең менен эрте чыксаң жетип каласың.

- Макул-макул таята, бүгүн жатып алып эртең эрте чыгам, - деп күлө сыртка чыкты, алар менен коштошо Шамбеттерге жөнөдү, атасын ойлогондо кубанып кетти: "Атам болбогондо мага жаман болмок, апам мени жек көрсө дагы атам бар, ал мени жакшы көрөт, дүйнөдөгү менин эң кымбат атакем", - деп машинасын эшиктин алдына киргизе айдап киргенде үйдөн Шамбет чыга калды.

- Кел балам, жөн-жай эле келдиңби?

- Жөн эле, - деп атасы менен учурашып туруп калды.

- Апаңа бардыңбы?

- Бардым.

- Кандай анан?

- Жаман, апам мени көргүсү келген жок.

- Эмнеге?

- Билбейм ата, ал мени неге жаман көрөт, ал мени өзү төрөгөнбү?

- Уулум, аны ооруп жүрөт деди эле, өзүн билбей жаткан го, андай болушу мүмкүн эмес, өзү эле төрөгөн.

- Силер сүйлөшпөй, бири-бириңди сүйбөй үйлөндүңөр беле?

- Аны ким айтты?

- Сүйбөгөн адамынан төрөлгөн баланы жаман көрөт имиш го?

- Ай балам ай, сен чоңоюпсуң, сага баарын айтып берүүгө туура келет, - деген Шамбет бою өзүнө барабар болгон уулун далыга таптап короо жагына басты, - Сен жаңы гана жөрмөлөгөн бала болчусуң, - деп болгонун айтып берди, - Ошондой уулум, ал өз катасы үчүн дагы жүзү кара болуп жүрөт, мен бей күнөө он төрт жыл отуруп келдим, өлгөн адамдын балдары мени издеп жүрген имиш, балким өч алгысы келип жатса керек, - деп оор күрсүнө Аргенди карады, - Терең ойлон уулум, апаңды кечирүүгө аракет кыл.

- А сиз күнөөлүү эместигиңизди айтышыңыз керек эле го?

- Ага болбоду балам, эми аларды өзүм издеп баруум керек.

- Барыңыз, ачык айтыңыз.

- Буйруса ошол иштин алдын алышым мүмкүн, жүрү балам ичке кирели, Эмма апаңдын тамагы бышып жатты эле, жай сүйлөшлү, - Экөө ээрчише үйгө киришти.

- Оо кел Арген, студент келген го? - Эмма Аргенди кучактай бетинен өптү, - Окуу кандай?

- Баары жакшы.

- Сабырың суз го балакай.

- Жакшы эле, Арсенди көрөйүн деп эле келдим, - деп төрдө оюнчуктар менен ойноп жаткан Арсенди көтөрүп алып эки бетинен өөп, көкөлөтө көтөргөндө наристе кыткылыктап күлүп жатты, - Арсен, карачы муну, кана карма! - деп Арген лампочкага жеткирип кайра тартып ойнотуп жатты.

- Кел Арген, иниң менен анан деле ойной бересиң.

- Кел уулум, тамагыңды ич.

- Жүрү, тамак ичелиби? - деп Арген инисин алдына алып отуруп атасына карады, - Ата качан басат эми?

- Жазга чейин басып калат.

- Оо анда ээрчитип алып каникулда келгенде ойнойт экенбиз да.

- Буйруса, Ноорузда тушоосун кесебиз, - деди Шамбет.

- Мен дагы келем, той болот экен да?

- Ооба, тушоо той өткөрөбүз уулум.

- Атасы эле болбой жатат, кереги эмне тойдун? - Эмма Аргенге карады.

- Мейли, биздин үйдө дагы той болсун, - деп Арген күлүп койду, ичинен Кундузду жек көрүп турду: "Мени төрөгөндөн кийин атамды таштап башка эркекти сүйүп кетип атамды каматып жибергенин кара, демек атамды сүйгөн эмес, мен өзүмдү сүйбөгөн кызга үйлөнбөйм, жакшылап байкап үйлөнүш керек экен да, мен сени жек көрөм апа, жек көрөм сени, эми апа деп басып барбайм, атамды сүйүп, мени баласындай көрүп отурган аял бар, мен ошолорду сыйлашым керек", - деп ойлонуп алды. Эртеси эрте туруп жөнөдү Арген, жан дүйнөсү эңшерилип жүрөгү сыздап, балалык сезими менен атасын аяп, апасын жек көрүү пайда болгону менен: "Уулум, сен чоңоюпсуң, сага баарын айтып берүүгө туура келет", - деген сөзү эрдемситип өзүнүн жигит куракка келип калганына өзүнчө көкүрөгүн көтөрө: "Мен чечим чыгарып апамды күнөөлөгөнүм болбойт, жаштык кылгандыр, таразалап көрүшүм керек, баары бир эне деген эне, тогуз ай көтөрүп, эмчек сүтүн берген энемдин алдында милдеттүүмүн, карыздармын", - деген ойго токтолду. Сабактарына алаксыбай окууга киришти, адилет тергөөчү болууга өзүн даярдап: "Мен эч качан күнөөсүздү соттотпойм, адил тергөөчү болуум керек, күнөөлүүнү табам", - деп ойлонуп жатты. Насыйкат менен күндө жолугуп жүрүп ортолорунда байкалбаган сезим пайда болгонун экөө тең сезбей калышты, Арген сабагынан чыгаары менен эле Насыйкаттын окуу жайына жетип барат, ал күтүп жаткандай жарк этип чыга келет, экөөнүн кирбеген кафеси, баспаган жолу, аралабаган багы калган жок…

Кундуз Арген кеткенден кийин өзүнөн-өзү буулугуп ыйлады, Тумаркан ага таңгала карап үнсүз отурду да.

- Сага жанагы улан бирдеме дедиби? - деди.

- Жок, эч нерсе болгону жок, сиз мени күнөөлөп ушул убакка чейин жаман көрөсүз го, ар кайсыны эстеп өзүм буулугуп кеттим, - деп көз жашын сүртө отуруп калды.

- Ботом, мен чынын айтам да, өзүңдүн койнуңда эриң туруп мунун үйбүлөсүн бузуп тийгениң жалганбы, беш балага карабай сага үйлөндү, жаман кылган жок, бирди кийип бирди чечтиң, чалкалап жашадың, эми минтип инимди кимдир бирөөлөр кыйнап өлтүрдү, сен жарым жан болуп оорукчан аялга айландың, анан айтпаганда кантем.

- Эже билсем айтаар элем го?

- Мейли эми, өлөөр Бектурсун өлдү, бирок өлтүргөндөр табылбай калганы жаман болуп жатпайбы?

- Өзүнүн иши бардыр, балким атаандаштары жасады, иниңиз андан чоң кызматка жүгүрүп жүргөн, кызмат деген оору тура, улам өйдөлөгүсү келип калат экен.

- Ооба десең, - Тумаркан жумшара башын ийкегиледи, - Заман өзгөрүлгөн сайын кызмат үчүн аял-бала чакасынан да кечүүгө даяр болуп көздөрүнө эчтеке көрүнбөй калды чоңдордун, ошол кызмат колдун кири экенин түшүнсө да билгиси келбегендерин кантесиң, бири-бирин көрө албай эле өлтүрүп коюп суудан кургак чыга калышат, - деп Тумаркан кейий кетти, - Эмнеси болсо да иним көрө албастардын курмандыгы болду да-а.

- Айтыш кыйын, билбей туруп эмне дээриңди да билбейсиң, өздөрү жасап алып издеп жатабыз, териштирип жатабыз дешкеничи.

- Ооба-ооба, ооздору менен жыргатып коюшат дагы жең ичинен жылдырып кылмыш жасай беришет, сен тиги казиноңду тескеп жатасыңбы?

- Жок, аны атасы өлгөндөн кийин эле Элмурат башкарып калган, мен унчуккан жокмун, - деди Кундуз, Элмурат Бектурсундун улуу баласы эле.

- Ээ мейли, сага бери жагы деле жетет, байкуш Бектурсун силерге өлбөс оокатты белендеп коюп кете бербедиби, - деп Тумаркан көз жашы кылып алды, - Эки кафени өзүң иштете бер, балдарың үчүн ошого тийбегиле деп айтайын.

- Ооба, ошолордун арты менен жашап жатабыз, Туйгун чоңойсо өзүн иштетем, азыр арендада эмеспи, - деп Кундуз кайнежесинин териштиргенине жини келип турса да эчтеке дебеди. Ал кеткенден кийин Тургун кирди:

- Апа, мен түшүнбөй калдым, жанагы бала сени апа деди го? - деди жанына отуруп.

- Анын эмнесин такып сурадың балам.

- Кызык, эмнени жашырасыз, эмнеге балаңыз болсо адашкан бирөө деп алып кайра ыйладыңыз?

- Эчтеке, мени кыйнабачы уулум, Турсун менен Туйгун кайда жүрөт?

- Жүргөндүр да, менимче сиздин балаңыз болсо керек, атамдын деле балдары бар го?

- Ооба балам, сен чындыкты ошондой эле билгиң келип жатса ал менин балам, аты Арген, таятаңдар чоңойткон, эми ал атасынын колунда - деди Кундуз, - Атаң аны көргүсү келчү эмес, мени ата-энеме каттатпай, Аргенге каратпай койгон.

- Эми атам жок да, балаңызга катуу айтпай эле койбойт белеңиз, мага бир тууган болот, бири-бирибиз менен таанышып алсак жаман болбойт апа, - деп Тургун чоң кишидей апасына кеңешип отурганда Турсун кирди.

- Апа, Туйгунуң коңшунун терезесин сындырып коюптур.

- Эмне кылып?

- Рогатка менен.

- Ушул бала мени куурата турган болду го? - деп ордунан туруп баратканда коңшу алдынан чыкты.

- Туйгунду кой деп койсоң боло Кундуз, тиги чоң үйдүн терезесин сырдырып койду.

- Кечирип кой Гүлпөт, бала экен эмне кылайын, терезеңди салдырып берем.

- Алысыраак ойногула десе болбойт, ошол жерде кечке жүрүшөт, - деп Гүлпөт наалый кайра артына кайрылды.

- Капа болбо, салдырып берем, Тургун барып ченеп келсин, айнектер бар.

- Туйгун чоңойгуча жете турган айнегиң болсо кам санаба, - деп Гүлпөт күлө чыгып кетти.

- Эмне кылайын, түтөөрмүн, - деп Кундуз дагы күлүп калды.

- Апа, ушу балаңды сабап туруп экинчи бейбаш кылбас кылайынбы? - деп Тургун ачуулана сыртка чыгып кеткенде Кундуз анын артынан чыкты.

- Кой ээй бала, урбай эле койчу, аны урганда эмне эсине киргенде эле өзү калат бейбаштыгы, - деди аргасыздан артынан кыйкырып.

- Апа, Элмурат акемдер эмнеге бизди жаман көрөт? - деди Турсун жанына келип.

- Ким айтты?

- Кечээ мектепке Светага келиптир, мен учурашсам барчы ары дейт, мени жаш деп жатабы, илгери он эки жашында атанын ордун басчу экен, тагына отурчу экен, атка минип жоого аттанчу экен, мен керек болсо он үчкө чыктым, жаман жакшыны түшүнүп калбадымбы?

- Унчукпай эле кой балам, алар атасына дагы күйгөн эмес, өлөөрү менен казинону талашып сатып жиберишти го, баары бир апасынын сөзүн сүйлөйт да, силер дагы чоңоесуңар, ошондо өздөрү эле келет, башкысы акыл-эстүү болгула.

- Сизди аларга кор кылбайбыз апа.

- Садагаң болоюн десе, барып Туйгунду уруп жатабы карачы.

- Катуу урмак беле, кичине коркутат да, - деп дарбазасынан чыкты Турсун, Кундуз кайра ичке кирди: "Балдарды чогуу алып атамдарга бир учурашып келейин, Аргенди боорума тартайын, капа болуп кетти, кантейин он тогуз жылдан бери көңүл бөлбөдүм, өгөйчүлүк да боло албадым, кечирээр мени, сени жанымдай көрсөм дагы ички өксүгүмдү, арманымды артынып жашап келдим, кантип деги жаман көрөм, аргам канча, өз кылган ишим өзүмө жоо болду, колум менен кылганды мойнум менен тартышым керек", - деп зыңгырай ойлонуп отуруп даярдык көрө баштады, алар айылга кеткенде Арген дагы келип таппай калып канчага көрүшпөй калаарын билген жок, бирок тагдыр аларды күтпөгөн жерден жолуктураарын сезбеди.

Эртеси эрте туруп балдарын ойготуп тоюндурду да өзү базарга жөнөдү, Бектурсун өлгөндөн бери машинасын кээ-кээде Тургун айдап чыга калчу, ошондуктан ал машинасын айдаганга коңшусунун баласын ээрчитип алмак болду, ал отуздардан өткөн үйбүлөсү жок жигит, анда-мында иче койчу эле. Үч баласын артка отургузуп өзү алдыга отуруп жөнөдү, аралыгы өтө алыс болбосо да көп каттабаганына кабатырланды. Карабек алар келип токтогондо үйгө кирип кетти, Шааркан чыгып далбактай тосуп алды.

- Келе койгула алдыңа кетейиндерим, бир чогуу келген экенсиңер? - дегенде Кундуз апасы менен кучакташып көрүштү да, Тургунга жүктү түшүр дегендей ишаарат кыла үйдү көздөй басты.

- Апа, Арген кайда? - деди Кундуз өзүн зордоп.

- Аны атасы окутуп жатат, кечээ эле кетти.

- Кайсында окуп жатыптыр?

- Тергөөчү, андан соң сот болот имиш го.

- Жакшы окуучу беле?

- Ооба, сабакты жакшы билчү, кээде мугалимин жаңылчу тура, - Үйгө кирип келишти, - Эми зыңгыраган жигит болбодубу, багына атасы дагы жакшы келип, бизге күч келтирбей өзү эле киргизип койду.

- Жакшы болуптур, кайда турат экен?

- Мурда жатаканада турчу, эми атасынын үйү бар имиш үч бөлмө, ошого барам деп кетти, кыскасы Аргендин акыл-эси бар жигит болду, аман эле болсун кызым, ал сага катуу таарыныптыр го, эмнеге карабай жүрөсүң ыя?

- Апа, Бектурсун аны көргүсү келчү эмес, мени силерге жиберчү эмес, балаңды имербе, ошол жакта боло берсин, - деп эле болбой жүрбөдүбү?

- Мейли, эми деле кеч эмес, кечээ аябай ыйлап келди, - деп Шааркан токтой калып акырын сүйлөдү, - Мени өзү төрөдү беле деп атаң экөөбүзгө атайын келип сурап кетти.

- Ошол күнү өзүм дагы капа болуп тургамын.

- Жок дегенде жакшы айтып койсоң болмок, атасы ага машина алып берген.

- Ошентиптирби?

- Ооба, азыркы аялы дагы жакшы неме окшойт, эркек төрөп алган, өзүнөн абдан жаш дейт, сен жаңылдың кызым, көчүңдөн айныдың, балаңды эми бооруңа тарт, атаң сени жаман көрбөйт, унчукпай учураша бер, - деп каалганы ачып ичкери киргизди.

- Ата, жакшы турасыздарбы? - Кундуз кирип эле атасына учурашты.

- Жакшы-жакшы, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү кызым?

- Ооба ата, эптеп кылдырап жашап жатабыз.

- Кылдырай бергиле балам, балдарың да келдиби?

- Ооба, үчөөнү тең алып келдим, силерди тааныбай дагы калбадыбы.

- Келбей анан, тайке-тайын таанытып кой, бир эле өз туугандары керек бекен?

- Эки-үч күн жүрөсүңөрбү эми? - Шааркан артынан суроо узатты.

- Жок, эртең эле кайра кетебиз, машинаны коңшубузга айдатып келдим.

- Ботом от ала келгенсибей бир-эки күн туруп кетсеңер боло? - Эне кызын таарынгандай түр менен карады.

- Убакыт тар да апа, соода-сатык иштерди бүтүрбөсөм болбойт, Тургун чоңойду, окутушум керек, - Кундуз отура кетти.

- Атасы, балдар келиптир, Кундуз дагы күйөөсү өлгөндөн бери келе элек эле…

- Ооба кемпир, Бусурманды чакыртайын, жанагы токтуну соелу, - деп Карабек сыртка карай жөнөдү.

- Тим эле койгулачы ата, эт-ашты жеп эле жатабыз.

- Ошо кантип болсун, балдарың такыр келе элек, бабырашып бир отуралы ботом, малды адам табат, силерден аяган малды көрүбүзгө ала кетмек белек?

- Ошентсе да.

- Отура бер, мен казанды даярдайын, айда-жылда бир келсең, конок болуп кетпегенде…

- Аа-ай апам ай, мен сени тартпагынымды карачы, өз балдарымды бири-бирине камдаштыра албай жатам, жүрөгүң мээримге толгон, пейлиң кең деңиздей аялсың ээ? - Кундуз каталыгын кеч түшүнүп туура эмес кылганына өкүнүп жүргөн кези эле, оор умтулуп алып отуруп калды. Тургун таятасына каралашып отун жарып от жагып жүрдү, Турсун менен Туйгун ойноп жүрүштү, Туйгун өтө эле тентек, таятасынан ар нерсени сурап кыткылыктап күлүп жатты.

- Жөн эле таятамды тажата бербе да, - деди Турсун.

- Мейли, тажаган жокмун, зеригип отурганча эрмек болбодубу, Туйгунду алып калсам бекен, каласыңбы уулум?

- Ооба, сиз менен калам ээ таята? - деп Туйгун мулуңдай карады.

- Айла-анайындар, жээндер жигит болуп калган тура, - деп Карабек Тургунду карай ээк экчеп койду, - Апаңарга жардам берип жатасыңарбы балам?

- Ооба, апама жардам беребиз да.

- Азаматтар десе, ошенткиле балдарым.

- Таята, эмнеге тайнем экөөңөр барчу эмессиңер? - деп сурады Турсун.

- Убакыт жок да уулум, карып калдык силер келишиңер керек, биздин акыбалыбызды сурап турасыңар да, - деп Карабек неберелерин жылмая карады.

- Ооба, эми тез-тез келип турабыз ээ?

- Келип тургула, - деп казандагы эттин тузун өзү көрүп сапырып жатты.

- Шааркан менен Кундуз үйдө сүйлөшүп отурушту бул кезде.

- Апа, Аргенди эптеп өзүмө тартып балдар менен тааныштырайын, - деди Кундуз муңая.

- Ошент кызым, ойлобой иш кылсаң онтобой ооруга жолугасың деген сөз бар өзүңдү-өзүң азапка салдың, Шамбет жакшы жигит эле, түрмөдөн байып келген имиш, келээри менен эле заңгырата эки кабат үй салды, апасынын көзүн көрбө калганга өкүнүчү күч болуп жүрөт дейт көргөндөр.

- Мейличи апа, аны угайын деген кулагым жок, мага балам эле барып турса болду, - деди кабак чытый Кундуз: "Түрмөдөн байып келмек беле, менин балдарымдын ырыскысын тартып алды да, ошону кантип айтам, кимди ишендире алам, баламды мага каршы койбосо эле болду, өз кылганымдын жазасын деги алдым, бактымдан айрылдым", - деп ойго чөмүлүп кетти, Шааркан аны тим коюп сыртка чыгып кетти: "Мейли ойлонуп алсын, өзү деле жаман болуп жүрөт, капалантпай эле коеюнчу", - деп ойлонуп тамагын караганы чыкты. Бир-эки коңшусу келип Кундузга учурашып отуруп калышты, күйөөсүнө куран окутту. Аңгыча койдун эти бышып колго сууну Турсун куюп, чарага эт алып келди. Карабек этти устукандап коюп алды-алдына жылдырып, Шааркан кесмесин табакка алып келди. Кундузга жамбаш тартып коңшуларына кабыргадан койду. Ошентип ал көптөн бери ата-энесинин үйүнө, коңшу-колоңдон тартынып келе албай жүрүп эми минтип жүзүн ачып отурганы эле. Эртеси коңшусу келип жолго чыгышты, ал келип эле машинаны сурап алып танышыныкына кетип калган. Карабек менен Шааркан колдорунда барын берип жөнөтүштү.

- Курган кыз, өңү азып кетиптир, - деди Карабек алар кеткенден кийин кемпирине карап.

- Азат да, ары барып эле бери келди го?

- Кырсык деген ошо да, бийлик деп жүрүп күнү бүттү Бектурсундун, үйүн бузду, жазасын кудай бергир, дагы башка кылмыштары болсо керек, адамдар өч албай койбойт да, бир районду чеңгелдейм деди эле болбой калды.

- Ач көз болуп калат тура чоңдоруң, болгон сайын болсо экен деп эле араанын ачып турат экен шумдук.

- Эмне болсо ошол болсун, кызыбызга зыяны тийбесин, - деп кемпир-чал бири-бирин карап ичкериге киришти. Бул өмүрдө баш кошкон жардын түбөлүк бирге жашаганы кандай жакшы, Карабек менен Шааркан экөө жети баланы бирге тарбиялап өстүрүп, ар бирине өбөк-жөлөк болуп, турмуштун ысык-суугун биргелешип тартып келе жаткан адамдар. Балдарынын ар бирине бакыт каалап, кудайдан тилеп келишет…

Арген үч бөлмөлүү үйгө киргенден бери өзгөрүлдү, бул үй баягы Шамбет жаңыдан келгенде Артур белек кылган үй болчу, андан бери эч ким жашаган эмес, ичинде баары бар, телевизор менен двиди да турат, муздаткычта ата-энеси, таенеси берген тамак аштар турат. Кээде курсташтары келип суктанып калат. Арген бир аз керсейген мүнөз күтө баштаган, окуусуна барган сайын Насыйкат менен жолугуп экөө бирге сейилдешет. Бир күнү:

- Насыйкат, жүрү менин үйүмө барабыз, - деди Арген кызды колдон ала.

- Макул, крутой мырзанын жашоосун көрүп коелу, - Насыйкат наздуу жылмайды.

- Кеттик анда, - Экөө жетелеше Аудиге отуруп жолго чыгышты. Алар үйгө келип киришкенде Насыйкат таңгала: "Ата-энеси жакшы турат окшойт", - деп ойлоп үч бөлмөнү көрүп кайра чыкты.

- Жаман эмес, - деп койду Аргенге карай.

- Насыйкат, мен үйлөнсөм ушул үйдө турам, мен сага бир нерсе айтайынбы?

- Кулагым сенде.

- Мен бир кызды сүйүп калдым, жардам берчи.

- Кимди? - Кыз кызыга карады.

- Бирөөнү, азырынча жашыруун болсун.

- Кантип жардам бермек элем, ачык айтпасаң.

- Мен ал кыздын мени сүйөөр сүйбөсүн билбейм да.

- Анда сен озунуп айтышың керек.

- Качып кетсечи?

- Эгерде сени сүйсө качпайт, сүйбөсө сөзсүз сага жолобойт.

- Чын элеби?

- Албетте, өзү сүйбөсө кереги эмне.

- Мени сүйөбү же сүйбөйбү деп кыйнала берчү болдум.

- Кыйналганча оюңду айт, анан билесиң.

- Эмне деп айтам? - Арген кызды көз кыйыгы менен карады.

- Сүйөм деп айтпайсыңбы?

- Айтуу кыйын болуп жатпайбы?

- Кызыксың го, ошончолук эле уяңсыңбы?

- Кат жазып берейин сен берип койчу.

- Жарайт берип коеюн, - деди Насыйкат дароо эле, анын кызганычы жок, өзгөрүүсүз макул болгонунан улам: "Бул мени сүйбөйт окшойт, жок дегенде чычалап же башкача болуп кетмек, мен сүйгөн менен мени сүйбөсө кереги эмне", - деп ойлонгон Арген мурдатан жазып койгон катты ал ажатканага киргенде сумкасындагы китебине сала коюп газга тамак жасаганга киришти.

- Насыйкат, сен кино көрүп отура бер, мен жегенге бирдеме жасайын, - деди ашканадан үн чыгара.

- Ашпозчулук дагы жайың барбы?

- Албетте, адам деген баарына көнүш керек да.

- Азамат, мунуңду билсе сен сүйгөн кыз баш тартпаса керек? - деп жанына келип Насыйкат күлүмсүрөй карады, - Ал кыз бул үйүңдү билеби?

- Жо-ок, сага биринчи көрсөттүм, достор келип турат.

- Арген.

- Ийи.

- Айтсаң, ал кызды мен тааныймбы?

- Тааныйсың.

- Ким ал, айтсаң эми.

- Жок, азыр айтууга болбойт, атам үйлөн деп жатат, болбосо ала качам.

- Сүйлөшпөй элеби?

- Мени тааныса болду да.

- Кызык, ала качуудан адамдар көп жаңылышат билесиңби?

- Жаңылышпайм, анткени аны мен сүйөм да, кыргыздар илгертен эле ала качып үйлөнүшкөн, - деп Арген күлүп ишин уланта берди.

- Өзүң билесиң да, бирок кыз байкушка эмитен эле боорум ооруп кетти.

- Эмнеге?

- Өз каалоосу менен эмес, зордук менен күйөөгө тийээрин эстеп кеттим.

- Эмне, ошол дагы зордук бекен?

- Ананчы, айтпай туруп ыйлатып ала качканды элестет.

- Сени бирөө ала качса отурат белең?

- Эч качан отурмак эмесмин.

- Эмне үчүн?

- Биринчиден мен аны сүйбөсөм, экинчиден каракчыларча ала качканы үчүн.

- Өзүңө жаккан жигит болсочу?

- Билбейм, оюма да келбейт.

- Ошончолук эле мерезсиңби Насыйкат?

- Мерездикке жатпайт, өзүмдү-өзүм коргошум керек да.

- Мейли эми, экөөбүз сүйлөшкөнчө тамак бышып калды, үстөлгө бара бер, мен азыр алып барам, - деп Арген күлүп койду эле Насыйкат ага жардам бермек болуп газды өчүрмөк болгондо Арген экөөнүн колу бирдей кармап калды эле бири-бирин карап унчукпай туруп калышты да экөө тең күлүп жиберишти.

- Сен чайнекти алып келчи, - деп Арген кызга карады.

- Макул, жардамдашайын дегемин, - деп Насыйкат чыны чайнекти көтөрүп үстөлгө койду, - Сен абдан таза экенсиң - Мени таенем тазалыкка үйрөткөн.

- Эмнеге, таенең бакты беле?

- Ооба…

- Ата-энеңчи?

- Алар окуп жүрүшсө керек.

- Аа-а, ошондой…

- Кел тамактаналы, ачкадан кардым курулдап баратат, - деп Арген кызга карап көзүн ымдап койду, - Сен дагы ачка болдуң го?

- Ооба, ачка болуп кеттим.

- Карынды тойгузуп анан бир аз сейилдеп келели ээ?

- Ооба, андан ары мен үйүмө кетем.

- Узатып коем, - деди Арген, экөө тамактанып бүткөндөн кийин.

- Тамагың үчүн рахмат, - деп Насыйкат ордунан турду. Экөө үйдөн чыгып жолго чейин барышты да Насыйкатты унаага салып ийип Арген үйүнө кайтты, кыз үйүнө жеткенче ойлоно берди: "Арген кимди сүйөт болду экен, мен сени жакшы көрөм деп кантип айтмак элем, сүйгөн кызын ала качууга даяр болуп турса менин тоскоол болгонум болбойт, андан көрө жолукпай койгонум жакшы чыгаар, өзүмдү пас кылып ага сүйөөрүмдү айтууга жүзүм чыдабайт, намысымды кантип кетирмек элем, мейли бактылуу болсун", - деп үйүнө көңүлсүз келди. Насыйкаттын дагы энеси өгөй эле, апасы бир жашында оорудан кайтыш болуп экиге чыкканда ушул апасына үйлөнгөнүн кийин уккан. Бирок Нуруш ага өгөйлүк кылган жок, андан кийин өзү эки уул төрөп алган, алар Насыйкатты жакшы көрүшөт.

- Кызым, бирдемеге капасыңбы? - деди Насыйкатты көрүп эле Нуруш.

- Жок, эч нерсе болгон жок.

- Эмнеге сабырың суз кызым?

- Жөн эле апа, сурай бербеңизчи, - деп Насыйкат ичкери кирип кетти.

- Кызым, - деди Нуруш артынан кирип, - Атаңа кишилер келди, куда түшөбүз деп айтышыптыр.

- Ким экен? - деп апасын жалт карады.

- Ким экенин билбейм, эртең келип жаңыча сөйкө салып кетебиз дешкен экен.

- Тааныбаган немеге мени атам бермек бекен?

- Кызды сураганга…

- Апа, мен буюм эмесмин!

- Койчу кызым, эртең көрөсүң да, балким сенин жигитиң жибергендир?

- Менин жигитим жок апа.

- Аныңды кайдан билем кызым, атаң конок күткөнгө даярдангыла деп кетти, сага дагы адеми кийим алып бер деди.

- Эчтекенин кереги жок, мен окуумду бүтмөйүнчө эч кимдин кереги жок, - деп Насыйкат ыйлап отуруп алды, - Атам менден тажаптырбы?

- Ошондой болчу беле, кыз чоңойгондо жуучулар келет, ата-эне ызааттап сыйлап күйөөгө узатат, бул ата-эненин милдети да кызым.

- Мага күйөөнүн кереги жок.

- Атаң келсин анан көрөбүз кызым, - деп Нуруш чыгып кетти. Кечинде Эмилбек келгенде Насыйкат жинденип булкулдап.

- Ата, мени кимге бергени жатасыз? - деди.

- Эмне болду кызым, жай сүйлөшсөк болбойбу?

- Эмнеге дейм, мен билбеген бирөөгө эле бере салгыңыз келеби ата?

- Сен билесиң, - Эмилбек күңк эте төргө өттү, - Бирдемең барбы, карыным ачты.

- Тамак даяр, азыр алып келем, - деп Нуруш сырткы бөлмөдөн үн катты.

- Мени адам эмес эле буюм катары көрөсүзбү ата, ал ким экен, мен кайдан билем аны? - Насыйкат атасын демитип кирди.

- Отурчу кызым.

- Отурбайм, ким экенин айтыңызчы? - Ыйлап кирди.

- Нурланды тааныйсыңбы?

- Кайсы Нурлан?

- Нурматтын баласычы.

- Алар каякта экен?

- Шаарда жашашат, Нурмат өлгөндөн кийин баса беришпеди беле? - Эмилбек жай сүйлөдү, - Нурлан чоң атасынын колунда өстү да.

- Болсо боло берсин, келбесин үйгө!

- Болду, ата-эненин кебин укпаган кыз болбойт, сени бактылуу болсо дейм да, эң кичүүсү, атасы өлгөндө үч жашар эле бечара.

- Ата дейм, келбей эле койсун, мен баары бир ага макул болбойм! - деп Насыйкат атасына эркелей тултуң-бултуң эте ички бөлмөгө кирип кетти.

- Аа-ай атасы, кызыңды өтө эрке кылып койдуң, эми уят кылбагай эле.

- Уят кылбайт, кыз качан барам деп айтчу эле, эркелесе бизге эркелеп алсын, кийин күйөөсүндө кандай турмуш күтүлөөрүн ким билет байбиче, - деп Эмилбек ойлуу күңгүрөндү, - Кыз сыйды төркүнүнөн гана көрөт, а турмушта ар кандай жашоо болот, кыскасы бактылуу болсун дегенден башка бизде жаман ой жок го, ошону бул балдар түшүнбөй кыйнайт го.

- Капаланба, насибине жазганын көрөөр.

- Ошол эмеспи, балалык кылып жатат, Тилек да бой жетти, эжесин узатсак анан аларга жол ачылат, Тилекти да үйлөнтүш керек.

- Ооба, ал деле жыйырмага чыгып калбадыбы.

- Баш аман болсо жакшылык иш бүтөт байбиче, Сагынаалы агалар келсе жакшылап тосуп алалы, - деди Эмилбек, экөө конок жөнүндө сүйлөшүп отурушканда Насыйкат: "Нурлан жакшы бала, бирок мен аны сүйбөйм да, кантип ага турмушка чыгам, сүйүүсүз кантип жашоо болсун, атам айтканынан кайтчу эмес эле, анда эмне кылам, Арген башканы сүйөм деди го, тагдырым ушул болду деп унчукпай каламбы", - деп ойлонуп жатты.

Ойлонуп отуруп сабак окумак болуп китептерин көңүлсүз барактап, кайра дептерлерин алып жазмак болуп китептин белгиленген жерин ачып жатканда ичинен эки бүктөм кагаз жерге түшүп кетти: "Бул эмне кагаз", - деп жерден ала коюп ачып окуп кирди: "Салам Насыйкат, - деп башталыптыр кат, мен сага ар дайым өз оюмду айтам деп айта албайм. Күндө сени менен бирге болгум келет, көргүм келет Насыйкат, сүйүү деген ушунчалык ыйык сезим деп укчумун, бирок мынчалык тез эле келээрин билбепмин, көрсө билинбей келет тура сүйүү деген. Мен сени сүйгөнүм менен сенин оюңду биле албай жаман абалдамын, эгерде менин сүйүүмдү четке каксаң кандай абалда калаарымды билбейм. Насыйкат, мен сени сүйөм. А эгерде сен мени сүйбөсөң кыйнабайм, сүй деп жалдырабайм, болгону бактылуу болушуңду тилейм. Насыйкат, эгерде сен дагы мени сүйө турган болсоң бир белгиңди билдир, сен деп кусаланган жүрөгүмдү кубантып сүйүү отуна магдыратып нур жүзүңдөн күлкүңдү чачыратчы! Мен сени сүйөм Насыйкат. Арген 2003-жыл", - дегенди окуган Насыйкаттын жүрөгү лакылдап чыкты кубангандан жүзү албырып эргип чыкты: "Кызык Арген мени сүйөт тура мага тамалашалап эле башка кызды сүйөм деп тамалашап жаткан тура. Эми эмне кылам, атам Нурланга берем деп жатса, кандай болот, Нурланга мен сени сүбөйм, - деп эле айтышым керек, же сүйгөнүм бар деп ачык айтсамбы", - деп кубаныч менен сары санаанын ортосунда отуруп окууга көңүлү чаппай жатып алды. Эртеси Эмилбек менен Нуруш конок камын көрүп жатты, Насыйкат сабактан кийин Арген менен жолугушуп басып жүрдү, бирок кат жөнүндө эч кимиси ооз ачпады.

- Насыйкат, ата-энеңдер кайда жашайт? - Арген көз кыйыгын сала суроо узатты, кыз аста жылмайып.

- Шаарда эле турабыз, - деди.

- Эжем бар дедиң беле?

- Ооба, ал атамдын карындашы.

- Эң улуусу сенсиңби?

- Ооба, эки иним бар.

- Жашы-ы, - деп койду Арген, - Окууңду бүтсөң шаарда эле иштейт экенсиң да.

- Ошондой го?

- Бир сөз айтайынбы?

- Дагы бир кызга ортомчу бол демексиңби?

- Жок, угасыңбы сөзүмдү?

- Айта бер.

- Мен, мен… мен сени…

- Айтпайсыңбы? - Насыйкат анын оозунан кандай сөз угаарын сезип турса дагы ага кыткылыктап күлүп сурап жатты.

- Мен сени, ме-ен се-ени сүй-өөм!

- Эмне, тамашаңды койчу?

- Чын айтам Насыйкат, сенчи, сен сүйбөйсүңбү? - деп Арген анын көздөрүнө үңүлдү.

- Арген, мага бүгүн бирөөлөр кудалап келишет, кеч болуп калды го?

- Ким, жигитиңби ал?

- Жо-ок, айылдагы коңшубуз болчу.

- Сен аны сүйөсүңбү?

- Жок-жок, сүйбөйм деле, атамдар сүйлөшүптүр.

- Сен сүйбөгөн адамга барбайм дедиң эле го?

- Атам сөз өткөрүп коюптур, өлгөн атасы экөө куда болобуз дешкен экен, арбак алдында сөзүм адал болсун дейт, - Насыйкат жер карай сүйлөдү, - Атамды жер каратканым болбойт го?

- Насыйкат, бул сенин чыныгы сөзүңбү?

- Ооба, артка жол жок экенин билем.

- Кантип, кантип өзүң сүйбөгөн адамга чыгышың керек?

- Пешенеге жазганын көрөбүз да.

- Пешене, пешенеге кандай жазганын ким билиптир, тагдырды деле бурмалоого болот, аларды келбей турган кылса болот, эмнеге пешенеге шылтап тим болушубуз керек, адам өз тагдыры үчүн күрөшүүгө акылуу го? - Арген күйүп-бышып жатты.

- Арген, канчадан бери бирге жүрөбүз, неге ошондон бери үйгө киши жибермек турсун сүйөм деп айтпадың, качан гана куда түшөөр алдында сүйүүңдү таңуулаганың болбойт, биз али жашпыз, келечек алдыда, ошондуктан дагы өзүбүздү-өзүбүз коргоп калууга алсызбыз Арген, атама каршылык кыла албайм!

- Кой көп сөздү, андан көрө сен келе турган конокту токтотушуң керек.

- Кантип?

- Ушинтип эле, келтирбеш керек Насыйкат.

- Андай болбойт, келип кете беришсин.

- Анда сени мен алып качып кетем!

- Жинди, ошондо эле тим коебу?

- Үйгө баргандан кийин бере коебузбу?

- Корком Арген, ала качам дебечи, - деди. Арген кызды колунан бекем кармап алды, экөө ары тартышып, бери тартышканча түш ооп кетти. Акыры Насыйкат үйүнө жөнөдү, ал келгенде үйүнө коноктор келип калган экен, Нуруш аны ичке киргизип жаңы, адеми көйнөк кийгизип, чачын артына түйүп жасантып анын конок үстүнө киргизди. Насыйкат каршылыксыз кирип көрсөткөн орунга отуруп баарына баш ийкеп учурашкан болду, Нурматтын атасы жетимиш алтыдагы Сагынаалы кемпири менен Нурматтын аял эки улуу баласы аялдары менен жети киши келишкен, Нурлан менен сегиз экен, апасы кызды туруп келип бетинен өөп:

- Кудай өмүр берсин кызым, бактылуу бол, - деди, анан салт боюнча кыздын кулагына сөйкө салмак болду, - Ата-бабабыздан калган салтты аркалап неберем Нурлан менен түбөлүк кол кармашып түтүн булатып, ак уул, кызыл кыздын эне-атасы болуп, бири-бирине кудай кошкон жар болуусу үчүн кызга сөйкө салуу аземин баштайын, - деди эле Насыйкат тура калды.

- Жок, мен каршымын!

- Насыйкат, кой кызым, - Эмилбек жаман абалда калып кызына нааразы боло карады, - Кызым…

- Наси, улуу кишилерди.

- Улуу кишилер деп мен өз тагдырымды кайдыгерликке сала албайм, мен Нурланга кантип чыгам, бири-бирибизди жактырбасак кантип болсун ата?!

- Айланайын, сени жакшы атанын кызы деп келип отурабыз.

- Жакшы атанын кызы бактысыз болушу керекпи?

- Нурлан дагы тегин жердин уулу эмес кызым, назар сындырган болбойт, - деди Нурматтын аялы Сурма, - Биз дагы чын ниетибиз менен силердин келечегиңер үчүн кам көрүп, алган келинибиз намыстуу, уяттуу болсун, уулубузду сыйлаган ыйбаалуу келин болсун деп келип отурабыз.

- Кызым, биздин назарыбызды сындырба, - деди чоң энеси Алима.

- Мени кечирип коюңуздар, жигитим бар, убара болгонуңуздар үчүн кечирим сурайм, - деп дароо бөлмөдөн чыгып кетти. Эч кимиси үндөбөй отуруп калышты. Эмилбек сойгон коюнун этин тартып кечирим сурап узатты, алар кеткенден кийин эне-ата экөө Насыйкатты ортого алышты.

- Сен бизди уятка калтырдың Наси, эмнеге улууларды кактың?

- Бойго жеткен кыз бирөөнүн назарын сындырган болбойт, кийинкисин ойлош керек кызым, эми эмне болот?

- Жигитим бар дейсиң, кай жерден, кимдин баласы, кандай адамдын баласы, билбей туруп кийин өкүнүп калбайсыңбы, жакшы жер болбой ыйлап калба, - Эмилбек үңкүйө сүйлөп жатты.

- Ата, ким кайдан экенин сураган эмесмин, бирок мага жагат, юридикалык факультатетте окуйт, төртүнчү курста, алдында машинасы бар, өзүнчө шаарда үйү бар, ата-энеси айылда эки кабат үйдө турушат экен, - деп Насыйкат Аргенден укканын айта салды.

- Бар болсун, жок болсун, адам кадырын билген адам болсо болду го, эми кантебиз Сагынаалы аба каргап койбосо болду, тайбастыгыңды кылбай акырын жөнөтүп койгондо болмок, кары кишинин назары сынды, баласы өлгөндөн кийин ушул үч небересин караан туруп жашап калышкан, жашсың кызым, тайманбайсың, - деп Эмилбек кейип тим болду, Нуруш сыртка чыгып кайра кирди, Тилек менен Үмөт дагы кирди.

- Өзү каалабаганга эмнеге бермек элеңер, кыйнабагыла да, азыр илгерки заман эмес, - деп Тилек үңүрөйө атасын карады.

- Макул эми, кудай бак берсин өз бактысын тапса болду, - деди Нуруш.

- Ошо да, бактылуу болсо болду, - Эмилбек дагы унчукпай калды, Насыйкат Аргенден ата-энеси жөнүндө сурамак болуп ойлонуп жатты… Кундуз өздөрүнүн кафесине, бир туруп ресторанга жүгүрүп жүрүп Аргенге жолугууга бара албады, келеби деп күтсө келбеди, арадан эки жыл өтүп кеткенде Тургунду университетке киргизип койду, аерден жакшы окуп ал акыл-эстүү болду, уулдары катар чоңойгон сайын алардын келечеги үчүн кам көрүү жалгыз мойнуна түшкөндө жаны тынбай иштеп ресторанын чоңойтуп, ичин абдан жасалгалады. Арген окуусун бүтүп адистиги бонча ишке орношкондон кийин гана үйлөнмөк болуп атасына кеңешти, Насыйкат акыркы курста окуп жаткан, Нурлан аны ала качмак болуп окуу жайды акмалап жүрдү. Ошол күнү дагы машинада отуруп карап турса Арген экөө капарсыз ээрчише бак жакка басып кетти, Нурлан жини келе.

- Эн-неңди, жигитинин төбөсүн жарам, - деди жанындагыга карап.

- Койсоңчу, адегенде ата-энеңдерге кеңеш, бирок тигинтип жүргөн кыз сага жакшылык кылат деп ойлойсуңбу?

- Эмнеси болсо дагы алам, мага ийилбесе күң кылам энеңди урайынды.

- Кой Нурлан, анткенде болбойт, башка эле кызды ала бер да.

- Жок, мен ушуну гана алам, керек болсо үстүнө дагы бирди алып буга көрсөтөм, - деп кыжынып жатты Нурлан. Нурландын эки агасы Шамбеттин түрмөдөн чыгып келгенин угуп андан өч алууну ойлонуп жүрүшкөн. Шамбетке бул жөнүндө "обшягасындагы", Артурдун жигити Бүркүт түндөп келип айтып кетти эле ал сактанмак турсун аларды кармап келүүсүн өтүндү. Бекиткен кагаздарынын арасынан Бектурсун менен Кундуздун жазган түшүнүк катын издеп таап окуп жатты: "Мен Акылбеков Бектурсун Дөөлөталивич, Кадырбаев Шамбеттин ак жеринен түрмөгө отуруп чыкканына күнөөлүүмүн, Шамбеттин аялы Кундузду мен сүйүп калып аны ажыратып алуунун амалын ойлоп өлтүрмөк болгомун, койчу Нурматов Алтыбайдын мылтыгын алып кетип Шамбетти атам деп мал доктур Сагыналиев Нурматты атып алганым чын. Бирок мен бийликттин күчү менен анын шопуру Кадырбаев Шамбетти түрмөгө каматып жибергемин", - дегенди окуп муштумун түйүп алды: "Мен анын өлүмү үчүн түрмөгө отуруп чыкканым жетет, эми күнөөсүздөн алардан зыян тартууга жол бербейм", - деп ойлонуп Кундуздун түшүнүк катын алып окуп кирди: "Мен Сатарбекова Кундуз Карабековна, Кадырбаев Шамбеттин аялы болчумун, Бектурсун Дөөлөталиевич директор болуп турганда биз бири-бирибизди сүйүп калып мамилебиз үйлөнгөнгө жеткен. Мага Бектурсун Шамбетти жок кылам дегени чын, бирок мал доктур Сагыналиев Нурматты өлтүргөнүн айткан эмес, ал жөн гана Шамбетти жок кылсак экөөбүз тынч жашайбыз деген, мен Бектурсунга берилип алгандыктан күйөөмдүн күнөөсүз камалганына кейип да койгон эмесмин", - деп колун коюп койгон. Бүркүт менен Жаа түндөсү он күндөн кийин келип Шамбетти алып кетишти. Эрландын буту-колун бууп үстөлгө отургузуп койгон экен. Шамбет кирип эле анын маңдайына келди.

- Кандай жигит?

- Сен кимсиң, мени биерге неге алып келдиңер?

- Шашылба, эгерде билгиң келсе сен издеген Шамбет деген менмин, чындыкты билгиң келеби же жоолашкың келеби?

- Жоолашса жоолашам, атамды өлтүргөн сенсиң!

- Сен адегенде мени ук, андан кийин көрөбүз, - Шамбет анын маңдайына отурду, - Нурматтын өлүмүнө күнөөлүү болуп бекер он төрт жылымды түрмөдө өткөрдүм, күнөөсүз күнөөлүү болуу кандай азап экенин билбессиң иним.

- Актанбай эле кой, ким өлтүрдү анан?

- Менин кандай өчүм болмок атаңда, сен мени жакшы билесиң, машинага далай түшүп ойногонуң эсиңдедир..

- Эсимде, сизди баарыбыз жакшы көрчүбүз, анан…

- Анан өлтүрүп салдың де…

- Дал ошондой!

- Эмесе муну окучу, - деп Бектурсундун түшүнүгүн берди.

- Бул эмне?

- Оку, - деди Шамбет, Эрлан кагазды ачып окуп ыйлап отурду да.

- Бектурсунду сен өлтүрдүңбү?

- Киши өлтүргүчкө ойшоймбу? - Шамбет күлүмсүрөй карады.

- Киши өлтүргүчтү көрбөсөм…

- Эрлан, кек деген кек, атаң бей күнөө өлдү, мен бей күнөө түрмөдө отурдум, бул да болсо тагдыр экен, эми Кундуздун катын оку, - деп аны дагы берди. Эрлан аны окуп көрдү да:

- Ошол аялды өлтүрүү керек эле, - деди Эрлан кыжырлана.

- Эркек аялга эч качан өчөшпөйт, аял алсыз, эркек эрктүү анан да күчтүү келет, аялга теңелгенде эмне иним, - деди да Эрландын колу бутун чечип кол алышты, - Кана кек алуунун жолу кайда экенин түшүндүңбү?

- Түшүндүм, апамдар деле сизди андай адам эмес эле деп калат, бирок менин көкүрөгүмдө бей ажал өлгөн атамдын аянычтуу тагдыры өчпөй кек алсам деген оюм бар эле, сизге ишендим, - деди жумшара сизге өтүп.

- Азамат, мен дагы сени түшүнөт деп ойлогомун, - деди да сени бул жерден көзүңдү жаап алып чыгуу керек Эрлан, - деди эле ал унчукпады, бетин жапкан экөө көзүн таңды да машинага отургузду, бир топтон кийин Шамбет көзүн таңган чүпөрөктү алып койду, шаарга кирип калышкан экен.

- Сиз эмнеге менден бетиңизди бекиткен жоксуз?

- Эмнеге бекитем? - Шамбет каткырып алды, - Сен минин душманым эмессиң да.

- Жанагылар кимдер?

- Алар өз ишин аткаруучулар, кызыкпай эле кой.

- Макул, - деп Эрлан унчукпай калды: "Түрмөдөн оңой адам болуп чыккан эмес экен, шайкалары көп окшойт, Бектурсундан өчүн алган экен, эгерде тирүү болгондо чындыктын өзү ачылып ал камалмак экен", - деп ойлонуп үйүнө жакындаганда, - Сизге рахмат, - деди кол суна жылмайып.

- Жарайт, бирок дилиңде акыйкаттык гана жашасын, эч качан чындыгына жетпей туруп биринчи кадам таштабай жүр!

- Макул Шамбет аке, - деп түшүп кетти, эми Шамбеттин төш чөнтөгүндө дагы бир кагаз калды, аны Шамбет кагаздар менен бирге түшүнүк катты кармалап көрүп мерчемдүү жерге таштап коймок болду: "Ушинтип канымда ойногон кек акырына чыкты, тынч жашоого туура келет", - деп ойлонуп алды. Ал кагаздарды жолдон бир бомж таап алып милицияга берди, көрсө анда Бектурсундун иштери жөнүндө жазылыптыр, демек аны карыздары жана крим чөйрөсүндөгү адамдар өлтүргөн экен деген ойго келишти. Туугандары анын кандайча карыздар болгонуна түшүнүп-түшүнбөй кала беришти, кылмыш изилдөөчүүлөр ишин жаап койду. Иги-жиги билинбеген кылмыштын изи жабылды. Кундуз муну укканда Шамбеттен коркуп калды: "Кокус кылт этсем балдарыма дагы зыяны тийип жүрбөсүн", - деп өзүнөн мурда бой жетип келе жаткан үч баласынан чоочулады.

Арген ошол күнү атасына кеңешмек болду, жакында отпуска алып үйлөнөм деген ойдо кечке маал келди, Шамбет жаңы эле үйгө кирген.

- Кел уулум, иш кандай?

- Жакшы, өзүңүздөр жакшы жатасыздарбы ата? - деп отураары менен Арсен келип ага жармашты, ал бежиреп сүйлөп төрткө чыгып калган, андан кийин Эмма кыз төрөп алган, ал беш-алты айлык.

- Айген аке, качан келдиң?

- Азыр келдим, кандай дос?

- Жаксы, мен дагы окуйм ээ?

- Ооба, чоң жигит болгондо окуйсуң.

- А качан чоң болом?

- Чоңоесуң жакында.

- Сендей узун болом да ээ?

- Ананчы, мендей болосуң, - деп эркелете көтөрүп чопулдата өпкүлөп коюп анан атасына карады, - Ата, мен сиз менен кеңешейин деп келгемин.

- Эмнени?

- Эми үйлөнсөм болобу? - деди күлө.

- Үйлөнгөнүң жакшы, сүйлөшкөнүң барбы?

- Бар.

- Каяктан болот экен?

- Шаардык.

- Шаардын кыздары болоор бекен?

- Ата, шаардыкпы, айылдыкпы баары бир адам го?

- Макул, качан алып келесиң?

- Сиздер айтсаңар эле даярмын.

- Баракелде, анда апаң экөөбүз кеңешели да даярданалы, кийинки жумада алып келе бер.

- Ата, азыр сөйкө салып кыздын колун сураш керек экен го?

- Андай болсо аны да кылабыз, мен билгендерден сурайын анда.

- Кийинки жумада шаарга түшсөңүздөр мен тосуп алам, канча киши барасыңар?

- Туугандарга кеңешебиз, анан үйгө телефон чалам.

- Макул анда, сүйлөштүк ээ ата?

- Сүйлөштүк балам, үйлөнүшүң керек, туура кыласың, кыз өзүңө жакса болду, ал кыз окуйбу?

- Ооба, быйыл бүтөт, мугалимдикти бүтөт.

- Жакшы экен, - деп унчукпай калды Шамбет, экөө сүйлөшүп отурганда Эмма аларга такыр киришпейт, кээде гана кошулуп койбосо иши деле жок, чынында эч кимиси жогуна өкүнүп өзүн-өзү жок кылып алаарда ага кудай Шамбетти жолуктурганына ичинен ыраазы, өзүнөн бир топ улуу болсо дагы түбөлүккө бирге болуп ынтымактуу, бактылуу жашасам деген тилеги бар, Шамбет элүүдөн ашса дагы жаш көрүнөт, бир аз гана чачы агарганы болбосо, өз жашынан төмөн көрүнөт. Аргендин үйлөнмөк болгонуна экөө тең кубанып Шамбет мындайыраак туугандарына кеңешмек болуп үйүнө барды. Шадыкан менен Итикулдарга айтты эле жол жосунун айтып беришти, Шамбет Шааркан кайненесине барып ага айтып эмки жумада кыздын ата-энесиникине бараарын айтып келди. Ошентип болжолдогон күнү жөнөп калышты, Аргенди үйүнөн табышты, аларды Эмилбектер жакшы тосуп алып сый көрсөтүштү, Насыйкат ошол күнү абдан бактылуу болуп жүрдү, ошентип ага сөйкө салынганы Нурланга жетти, ал кекенип Аргенди кармап сабамак болуп балдарды чогултуп атайын Насыйкат менен жолугушчу кезди күтүп жатышты. Алар менен Тургун дагы бар эле, ал Аргендин өз агасы экенин билген жок, баягы келгенде Арген арыкчырай жигит эле, анда жакшы тааныбай калган, азыр бою да ого бетер өсүп, толуп да калган. Ошондуктан таптакыр таанымак эмес эле. Арген менен Насыйкат жолугуп күндө барчу бакка келип отуруп сүйлөшүп жатышты, аларды карап алыстан байкап тургандар кыздан бөлүнгөндө кармамак болушуп күтүп турганда алар парктан чыгып эки бөлүнгөндө алты бала Аргендин артынан түшүштү. Эч нерсе менен иши жок кыңылдап ырдай бактылуу жумушун көздөй кетип жаткан. Анткени анын бүгүн биринчи жолу жактоочулук иши болмок, ошого шашыла кетип жаткан, ошол кезде артынан бирдеме катуу келип башына тийгенде бурулуп кароого алы келбей эсин жогото жыгылып түштү эле, аны топурап, тепкилей башташты. Өткөн-кеткен аларга арачы болуп кой дегендин ордуна алыстан өтүп кетип жатышты. Ач кулактан тынч кулак дешкени го, көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин деген заман келбедиби. Ошонун арасынан бир кыз автоматтан милицияга чалып карап турду. Көп өтпөй эле милициянын унаасы келип токтогондо гана балдар топурап качып жөнөдү, аларды узатпай үчөөнү кармап калышты. Нурлан менен Өмүржан, Канат деген балдар колго түшүп Аргенди шашылыш ооруканага жеткиришти. Балдарды суракка алып калган үчөөнү үй-үйүнөн алып кеткенде Кундуздун жүрөгү түшүп калды. Канат Нурландын туугандары болуп кетчү, Тургун Канаттын досу болуп сурак бере башташты. Ата-энелери чогулуп ооруканага келгенде Кундуз Аргенди таанып көз жашын көлдөтүп жатты:

- Уулум, мени кечир, бейбак энеңди кечир, - деп жанында отурганда жаңы гана өзүнө келген Арген.

- Апа, - деди араң үнүн чыгарып, - Апа, кимден уктуң?

- Каралдым, мени кечир, сени ургандардын ичинде иниң дагы бар экен, баары менин күнөөм, силерди тааныштырып койбогон.

- Эмнеге алар мени урушат апа, кандай күнөөм бар экен! - Саал башын көтөрүп онтоп ийди, - Артымдан урду да, болбогондо баарын өзүм сабамакмын.

- Кудай ай, деги жаралбай калсам эмне, - Кундуз ыйлай берди.

- Коркпо апа, арыз жазбайм, болгону себебин билсем болду, инимди бошотуп алам.

- Садагаң болоюн десе, тим кой ээн баштыгынын азабын тартсын, эсине келээр.

- Атама айтып ийбейсизби.

- Макул бирөөдөн айтып ийем, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Жакшымын, башыма катуу чаппадыбы?

- Куураган шүмшүктөр десе, Тургун сенин иниң балам, эми таанышасыңар, биздикине барып инилериң менен таанышып каттап тур ээ садага?

- Ооба, барып турам, кабатыр болбоңуз.

- Эже, укол беребиз, сиз чыгып турасызбы?

- Макул, мен кете берейин ээ Арген?

- Бара бериңиз, - деп кала берди Арген, ал ишин жаңы баштаганда мындай болуп калганга жаман кыжаалат болду: "Алгачкы кадамымды кесишти акмактар, иним болбогондо арыз жазып коет элем, апамдын көз жашын кантип чыдап карап турам, тааныбастык болду го", - деп ойлонуп алды. Милициялар келип сурап арыз жаз дегенде баш тартып койду, Аргендин тергөөчүлүк ишин жаңы баштаганын билгенден кийин алар балдарды кое беришти, Шамбет угуп алып эле Эмма экөө балдарын алып жетип келишти, Кундуз отурган, аларды көрүп чыгып кетти.

- Уулум, эмне болуп кетти? - деди Шамбет эңкейип өөп, Эмма дагы өөп койду.

- Угуп алып тынчсызданып жаман болдук, кимдер экен алар, арыз жаздыңбы? - деп Эмма чебелектеп жатты.

- Ой апа, коркунуч деле жок, арыз жазганда эмне? - деди Арген жылмая.

- Кокус денсоолугуңа зыян болсо кантет элең, ушу кыз талаш болуп жүрбөсүн? - Шамбет уулун сынай тиктеди.

- Андай деле эмес.

- Мейли балам, аман-эсен сакайып кетсең болду, - деди Шамбет, анан ала келген тамактарын өнтөлөп берип бир топко отуруп кетишти. Кундуз ооруканадан чыгаар күнү келип үйүнө алып кетти, Тургун агасына кол тийгизип алганына өкүнүп кечирим сурады, Турсун менен Туйгундар дагы чоңоюп калышкан, Кундуз коноктоп, колуна акча берип, бир сыйрасын кийинтип узатты. Нурлан жини келип, бирок милицияда үч түнөгөнү, алардын сурагы, тепкиси эсине келгенде тим болуп калды. Арыз жазбаганына таңгалды. Ошондон бир ай өткөндө Насыйкат менен Аргендин тою Кундуздун ресторанынан өттү, элүүдөй киши чакырылып той жакшы өтүп эки жаш жашоо деген узун жолго түшүштү. Уул-келинине Кундуз үй-эмерегин белек кылды, Шамбеттер аларды айылга алып кетип коңшу-колоңуна тойчук беришти, элдин батасын алып бир жумадай жүргөн соң кайра шаарга келишти. Эмилбек кызынын бактысына кубанып калды, күйөө бала ага жакты. Кундуздун эми көңүлү жайлана түштү, анткени балдары бири-бирин таанып, ага-ини болуп алышты, Тургун агасынын жөнөкөйлүгүнө, кечиримдүүлүгүнө ыраазы болду, Нурландын эмнеге балдарды чогултуп урушканын ачык айтып берди. Нурлан ошондон кийин гана башка кыз менен таанышып үйлөнүп алды. Чынында ал өтө эле чыр жигит болчу, Айнура деген кызга үйлөнүп анын ашканада иштегенине намыстанды да үйдөн чыгарбай таятасынын үйүнө алып кетти. Айылдагы бекерчи дос-жоролору менен жүрүп кызымтал болуп келет, бир күнү Айнура:

- Сен башынан эле ичет окшойсуң? - деди.

- Ичкенде сага зыян кылдымбы?

- Зыян эле болуш керек бекен, ичкиликтин пайдасы жок Нурлан.

- Мага акыл айтканды токтот!

- Анда ичип жүрө бер, мен кетем.

- Эмне, сен кетесиңби?

- Кете албайт дейсиңби, кетип калам, бирок артымдан барчу болбо!

- Мен сага эмне оюнчукмунбу?

- Ичкениңди токтотом десең кетпейм.

- Болуптур эми, экинчи ичпейм.

- Ичсең эмне болосуң?

- Анча карганбайм дечи, бирок…

- Болдучу эми, таштайм дедим го.

- Ушул акыркысы болсун, балалуу болгондо байланып калгым келбейт, ушундайда ичкениңди койбосоң бүгүн болбосо эртең же бүрсүгүнү кетем, кетпейт деп ойлобо.

- Сөз берем, экинчи ичпейм, таятамдарга уят кылба, - деп Нурлан аялына жалдырап кучактап калды, - Жаным, экинчи ичпейм, кетем дебе ээ?

- Болуптур, ичкениңди койсоң эле мен эч жакка кетпейм, - деп Айнура жибип кетти, эркектин кучагы аял үчүн кандай гана жагымдуу, эрди-катын урушат, төшөк менен табышат деген ушул эмеспи…

Кундуздун капчыгы акчага толуп, көңүлү жайланып, балдарынан көөнү тынгандан кийин серпилип өткөндү унута баштады. Көз кысып сөз айткан бирин-экин адамдар менен кафелерде көңүл ачып, кээде үйүнө кызуу келип балдарына көрүнбөй бөлмөсүнө өтүп кетет. Кээде келбей дагы калчу болду, аны балдары кайдан билсин, жаман ойду ойломок кайда, иш менен жүрөт деп өздөрүнчө оокат өткөрө беришти. Мындай күндөр өтө көбөйдү, бир күнү кафеде отурган, фирманын жетекчисинин орун басып Кундузга көз кысып көңүл ачууга сөз салып жүргөн, үйбүлөсү бар. Кундуз бул кезде толуп-болуп турган кез, бир аз толуп ак саргыл жүзү ого бетер көркүнө чыгып, беш салаасы тең алтынга толуп мойнунда калың чынжырча, билериги эле эки миң долларлык. Кафеде ошол күнү Айдар Жусупбеков менен отурган, алдында чүйгүн тамак, кымбат ичкилик, Тургун дагы өздөрүнүн кафесине көп барчу эмес, ушул тушта ал бир кыз менен кирди, эч нерседен капарсыз төр жакка өтүп тамак буйрутма берип кызга карады.

- Асел, мен жакында апама сүйлөшөм, анан сенин ата-энеңдин алдына барабыз.

- Өзүң бил, мен сенин эркиңдемин Тургун, - Кыз жылмая карады.

- Мен сени сүйөм Асел! - Тургун кыздын колун кармап акырын сүйдү.

- Мен дагы.

- Ата-энең каршы болбойбу?

- Өзүм сүйгөн адамга алар каршы болбойт.

- Кийин сени окутуп алам Асел.

- Окубасам дагы сенин сүйүктүү жарың болууга даярмын.

- Алтышка, мен сени жолуктурганыма бактылуумун Асел.

- Мен дагы Тургун, - деп кыз-жигит өздөрүнчө сүйүүнүн кереметтүү рахатына бөлөнүп алдына келген тамакка да карабай бири-бирин тиктешип отурганда Тургундун кулагына тааныш үн шыңк этип угулду.

- Кандай гана асыл жансың, мурдатан жолукпаганыма өкүнөм, - деп бир адам менен колтукташа чыгып бараткан апасын көрүп өңү бузулуп сөз кирбей карап калды: "Апамдын бул эмнес кылганы, Асел кийин көрсө эмне деп ойлойт, кантип апам деп айтам", - деп ойлоно калып тамагын ичпей ордунан турду да сыртка жөнөдү.

- Тургун, сага эмне болду? - Асел дагы тура калды, - Тургун!

- Азыр келем, - деген Тургун сыртка чыгып апасы жанагы адамдын машинасына түшүп кеткенин көрүп делдейе туруп калды.

- Тургун, эмне болду? - Асел жанына келди.

- Эчтеке, - Тургун тиштене артына бурулду, - Жүрү тамагыңды ич, - деди да үстөлгө отуруп тамактанганы отурганы менен эч нерсе жүрөгүнө барбады. Асел ага таң калып: "Эмне болду буга, башка бирөөсү бар окшойт, ошону көрүп калдыбы, мени сүйгөнү жалган окшойт, эмнеге башкача болуп калды", - деп ойлонуп дурус тамак ичпеди. Экөө сыртка чыккандан кийин да оңчулуктуу сүйлөшө албай эки бөлүнүштү. Тургун үйүнө абдан капалуу келди, Туйгун үйдө, Турсун жок эле:

- Апам келген жокпу? - деди Тургун келип эле.

- Жок, келе элек.

- Турсун кайда?

- Билбейм, кыздар менен жүргөндүр да, - деп күлүп койду Туйгун.

- Кыздарды эмне кылат экен, келсе үйдөн чыкпасын, айтып кой, мындан ары үйдөн чыкканыңарды көрбөйүн.

- Макул, мен үйдө эле жүрөм го?

- Болду сүйлөбө, - деп ачуулуу бурк эткенде Туйгун унчукпай калды, Тургун ичкери кирбей эшикте басып жүрө берди, күүгүмдө Турсун келди.

- Кайда жүрөсүң? - деди Тургун ага ачуулуу.

- Эмне кыласың? - Турсун кайра өзүнө күңк этти.

- Эмне кыласың деп кара муну, бул үйдө бир адам барбы баш бере турган?

- Эмне деп жатасың, эмне болуп кетти?

- Мындан ары апаң дагы, силер дагы менсиз эч жакка чыкпайсыңар!

- Жинди болдуңбу, апамды башкармаксыңбы?

- Кир үйгө! - деп Тургун кайра ары басып кетти, туталанып аркы-терки басып жүрө берди, бир кезде түнкү саат он-он бирлерде дарбазанын жанына машина токтоп Кундуздун үнү угулду.

- Көрүшкөнчө, ушул бүгүнкү жакшы маанайды тартуулаганыңа рахмат, - деп машинанын эшиги шарак жабылганда Тургун босогого туруп алды, дарбазанын эшигин ача берип эле баласын көргөн Кундуз делдейе туруп калды.

- Кайда жүрөсүз апа?

- Эмне болду, кайда жүрмөк элем, иш да…

- Апа, сиз бизге тарбия берген энесизби же көчө аялысызбы?

- Ай бала, мени териштиргенди кой, чарчадым, - деп үйгө кирип кетмек болгондо Тургун.

- Мындан ары бүт ишти өзүм колго алам, сиз үйдө отурасыз, - деди.

- Эмне, сен эмнени билмек элең?

- Баарын билем, эртеңден баштап баарын өткөрүп алам! - деди да бөлмөсүнө кирип кетти, Кундуздун ичкен-жегени кайда кеткени белгисиз соолуга түштү: "Бул эмне деп жатат ыя, бир балээни билип калдыбы, кудай уруп балдарыма уят болдум окшойт, кантип бетин карайм эми, ресторанды, эки кафени өткөрсө өткөрүп берейин, дүкөндү айтпай эле коеюн, мага да жашоо керек", - деген ойдо жатчу бөлмөсүнө кирип жатып калды. Эртеси Тургун эрте туруп алып басып жүрдү, баары туруп чайга отурушканда:

- Апа, сен бизге баш көз болуп, тарбия берип акыл-насаат айтчу апабызсыз, мен сизге башка сөз айтпайм, өзүңүз түшүнүңүз, - деди башын жерге салып, - Мен мына жыйырма үчкө чыктым, кеңешейин дегемин, үйлөнсөм болобу?

- Эмнеге болбосун, болот балам, колдо жок эмес, жашообуз кудайга шүгүр.

- Анда кыздын үйүнө барышыбыз керек.

- Качан барабыз?

- Аны сиз айтыңыз, ким-ким барат, туугандарды айтыңыз.

- Макул, сүйлөшөйүн, кийинки жумага макулдашалыбы?

- Жарайт, мен Аселге айтайын ээ апа? - деп кубанып кетти.

- Акең менен жеңең сөзсүз барат, апамды кошобуз, он чактыбыз болобуз го?

- Мейли, алар деле бардар үйбүлө, тосуп алат апа, калганын өзүңүз билиңиз, - деди да Тургун Аселге сүйүнчүлөөгө жөнөдү, бирок Аселдин ата-энеси жөнөкөй адамдар эле, өздөрү батирде турушчу, Тургундан укканда кабак бүркөй түштү.

- Асел, мен сени кубанат деп ойлогом, сага жакпай калдыбы? - деп Тургун далбастай калды.

- Тургун, мен сени сүйөм, бирок…

- Эмне бирок, биз үйлөнүп алсак сени эч качан капа кылбайм, апам дагы бастай

- ??????

кетти, - Же мага ишенбей турасыңбы?

- Тургун, андай да, мындай да эмес…

- Анан эмне Асел, биздин үйлөнүү тоюбуз кандай өтөт билесиңби, лимузинге түшүп алып өзүбүздүн машинаны досторума айдатып алам, туугандарыбыздын баарында машина бар, үлпөт тойду өзүбүздүн ресторанда өткөрөбүз, анан сен дал ошол ресторандын башчысы болосуң, - деп кыздын көңүлүн ачууга аракеттенип жатты.

- Тургун, сен мени укчу, биз батирде турабыз, шаарда үйүбүз жок, ошону айтууга дитим барбай уялып жатам, - деди Асел күнөөлүүдөй.

- Асел, сен ага капаланбачы, андай болсо кафеден эле тособуз да. Сени ошол жерден эле алып кетем, өзүм жардам берем, ата-энеңе айтып кой. Кафе дагы ресторан дагы өзүбүздүкү, - деп кызды кучактап жүзүнөн сүйдү. - Биз бири-бирибизди сүйөбүз Асел, демек эч нерсе тоскоолдук кыла албайт, ата-энебизди биз бутуна тургузабыз, керек болсо үй алып беребиз, кабатыр болбо, кабагыңды ач жаркыным.

- Сага ишенем, атамдарга айтайын анда.

- Ооба, камына бергиле, мен сенин камыңды көрөм, сени уятка калтырбайм.

- Макул, - деп Аселдин маңдайы жаркый ачыла түштү, эки жаштын ушул бүгүнкү кезин айтып бүткүс дастанга айландырса болоор, айтып түгөтө алгыс кубанычтары менен экөө тең үйлөрүнө жеткирүүгө ашыгып шашыла коштошушту. Аселдин апасы эптеп базарда соода кылат, эки иниси, бир сиңдиси бар, атасы керээлден кечке тачка түртүп тапканын батири менен ичкен-жегенине жумшашат, улуу баласы тачка түртүп иштеп окубай калган, Аселден кичүү иниси менен сиңдисин эптеп окутуп коюшкан. Асел иш издеп жүрүп Тургунга жолугуп калып күндө ага жолугуп жүрүп жумуш издегенди унутуп сүйүүнүн туткуну болгон, акыры минтип бактынын сересине чыкканы турат. Келип эле ата-энеси келгенче тамак-ашын жасап, үйүн ирээтке келтирип кубанычтуу жүзү албыра инилерине жалбарып жатты: "Ушинтип ата-эненин төрүнөн узай турган кез келди, Тургун мени сүйөт, мен аны сүйөм, атамдарга жардам беребиз, бактылуумун мен", - деп ойлонуп отурганда апасы кирди.

- Сен таптакыр эле иш таппадыңбы Асел? - деди чарчагандай түр менен.

- Жок апа, жумуш жок.

- Бир жагынан жардам берсең болот эле го сен деле чоңойдуң.

- Апа, сени менен сүйлөшө турган сөз бар…

- Эмнени сүйлөшөсүң?

- Апа, жакында менин жигитим сөйкө салганы жатат.

- Ыя? - Атыркүл кызын элейе карап калды.

- Ошо, кафеге чакырып жатат.

- Эмне дейт кокуй, абалыбыз бул болсо, кайсы арыбызга?

- Анан эмне ала качып кеткиле дейинби? - Асел дулдуя коркуткандай бурк этти.

- Атаң келсинчи, кийим-кече алганга иштебей дагы койдуң, жакында тигил экөөнүн дагы окуусу башталат, атаң экөөбүздүн үстүбүздө үйрүп салаар эчтекебиз жок, - Атыркүл үшкүрө отуруп калды, - Кандай немелер экен?

- Атасы жок, апасы бар экен, өздөрүнүн ресторан, кафелери бар, абдан бай турушат апа, - Асел апасына жагалдана жакын отурду, - Тургун экөөбүз көптөн бери сүйлөшүп жүрөбүз, атама түшүндүрүп айтасың ээ?

- Колунда бар немелер деги бизди теңине алаар бекен?

- Андай эмес, абдан жакшы апа, Тургун өзү билет экен баарын, үйлөнүү тоюбуз өздөрүнүн ресторанынан өтмөк болду, - Кубанычын жашыра албай жатты Асел.

- Сен бактылуу болсоң болду го, Сени кемсинтип басмырлап коебу деп жүрөгүм сыздайт кызым, жетишпегендиктин айынан минтип отурбайлыбы, - Атыркүл кейий кызынын чачынан сылады, - Кыз бала ушул экен да-а, кыз жаманы кыроо деп койчу эле апам, кыш жаманы кетет, адамдын жаманы өлгөндө гана өзү менен кетет, акча - байлык деген пенденин көзүн тумандатып коет, анча-мынчаны этибарына албайт кызым, жакшы адамдарга туш болсоң эле болду, - деп ойго чөмүлүп керээлден кечке тердеп жыттанып кеткен байпагын чечип ары таштады, - Эмнеси болсо дагы багың ачылсын садагам.

- Атам каршы болбойбу?

- Неге каршы болмок эле, болгону жоктун жонунан кайыш тилген кыйынчылык заманга өктөөсүн артаар, атаң эле жыргап жатат дейсиңби, анын деле кийээрге кийими жок, бутуна байпак алмаштырууга чамасы келбей жүрөт, ошол кафеге барыш үчүн бир сыйра кийинип алсак кийинкибиз кандай болот деп сары санаа болобуз да кызым…

- Апа, сары санаа болбогулачы, Тургун силерге жардам беребиз деп жатат.

- Кыздан алган жарыйбы, бар болсо кызга бер, алба дечү эле менин атам, ушул күндө калдык, эл байып эле жатат, биз эле жарыбадык, - Терең дем алып алды, - Атаң келсе кеңешели кызым, сенин жүзүңдү жер каратпай узатканга даярданалы.

- Тургун ошондон ары алып кетем дейт, силерге оорчулук келбесин дегени го?

- Андай болсо үй алганга чогулткан акчадан сарптайбыз го, - деп Атыркүл ойлонуп отуруп калды. Чоро кеч келди, бут тартаарга алы жок кийимин алмаштырып төргө отурду.

- Атыр, кардым ачты, бирдемең барбы?

- Сени күтүп ичпей отурабыз, түштө бирдеке ичип алсаң боло, ооруп калып жүрбө, - деди Атыркүл, Асел дасторконун жайып тамагын алып келип апасын улам карап коет.

- Акчаны аяп жатам да, эптеп үй алып алсак болот эле, бүгүн жакшы болгон жок, үч жүз сом таптым, тачкистен көп эме жок, жүктүн оордугуна карабай жүктөп алып тердеп зорго сүйрөйм, картайып калсам керек, бара-бара кыйналып калчу болдум, - деп акчаны Атыркүлгө сунду, - Улук келе элекпи?

- Жок, ал дагы иштеп келсе ашыгын сал, күндө жок дегенде бир маал ысык тамак ичип турбасак болбойт, - деп алдына келген тамакты иче баштады. Тамак ичилип ортолоп калганда Атыркүл тамагын кыра сөз баштады.

- Чоро, сени менен кеңеше турган сөз бар.

- Кандай сөз экен?

- Кызыңа куда түшүп келишет экен.

- Кимдер?

- Сүйлөшкөнү бар тура.

- Ушул акыбалда кандай болот?

- Кафесине тозушат экен, камынбасак болбойт.

- Биздей кара таманды ким тоготот кемпир, кызыбыз бойго жеткенин билбей жүрө бергенибизди кара, - деп Чоро Аселди карады, - Кызым, жигитиң кандай адамдын уулу болду экен? - деди сүйкүмдүү карап.

- Ата, атасы жок экен, бирок жакшы турушат экен, атасы чоң болуп иштеп жүрүп өлгөн экен.

- Анда оңой жер эмес го, сен ачыгын айттыңбы?

- Ооба, батирде жашаганыбызды айттым.

- Туура кыласың кызым, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген, эмесе эртең кызыбызга бир сыйра адеми кийим-кече алуубуз керек, - деди Чоро ойлуу.

- Сен эртең жумушка чыкпай эле кой, Улук иштеп турат, биз камынышыбыз керек, Аселди кафеден ары алып кетишет экен, чогулткан акчадан алабыз го, кызыбызды жер каратпай узаталы.

- Ооба, антпесек болбойт, баш аман болсо дагы чогултаарбыз, - деп ойлонуп калганда Улук кирди.

- Кайда жүрөсүң ыя, караңгыга калбай келип жүр дебедим беле? - деп Чоро уулуна капалуу карады, - Заман башкача азыр, адамды-адам өлтүрүп жатса карабайт, өзүңө сак болуп иште да баса бер.

- Балдар менен жүрдүм.

- Балдарың менен куруп кал, акыбалыбыз бул болсо…

- Мен эмне кылып жатам, тынч элемин го? - деп чылаа болгон бутун чечкенде Асел:

- Эшикке чечип кирчи, жыты шумдук экен, - деди.

- Кечке тердеп-кургап иштеп жүрсө жыттанат да, кана тапкан акчаң? - деди Атыркүл Улукка, - Дурус иштедиңби?

- Эки жүз сом.

- Анча эмне аз?

- Болгону ушул…

- Мейли, кардыңды тойгуз, - деди Чоро. Ошентип бул турмуштун оорчулугун тарткан үйбүлө ноюбай өз жашоосу, балдарынын келечеги үчүн колдон келишинче кам көрүп, алына жараша тарбия берип убакыттар билинбей ай жылга алмашып күнүмдүк жашоо өтүп жатканда Аселдин турмушка чыга турганы бир жактан кубантса, бир жагынан жетпеген оокат кайыштырып Атыркүл кызына колунан келгенин даярдап жатты. Көшөгөнү даяр алды, сандыкка кийим-кечесин толтуруп, жууркан төшөгүн даярдап койду, эки миң төртүнчү жылы августтун төртүндө кафеге Тургун өзү келип Аселди алып кетти, Чоро менен Атыркүл, сиңдиси Жеңишгүл, Чоронун иниси аялы менен беш-алты болуп кафеде болуп калды, Кундуздун кийген кийими бир баа, чачын жасалгалатып, бийик такалуу туфли, ал Атыркүлдөр менен учурашып анан конокторду кабыл алып жүрдү. Атыркүлгө анын сынай караганы жакпады: "Кызыма жакшы кайнене болсо болду, өз оокатым өзүмдө", - деп ойлонуп отура берди, коноктор жалпы келип отуруп калганда Тургун менен Асел колтукташа залга киргенде баары эки жашка көңүл бура карап калышты, Аселге аппак көйнөктү кийгизип алганын көргөндө туугандары тургай Кундуз дагы саамга карап калды: "Ушундай жөнөкөй үйбүлөдөн дагы жакшынакай кыз төрөлөт экен да, акыл-эси дурус болду бекен", - деп ойлоп калды, өзүнүн жөнөкөй үйбүлөдөн чыкканы оюна да келбеди ушул кезде, анткени анын жан дүйнөсүнүн баарын байлык ээлеп алган эле. Чогулуп салт-санаа менен сөйкө салынды, андан кийин ирээти менен тамак тартылып анан кызды алып кетмек болушту, Атыркүл дагы өз жол-жобосу менен кызына арнагандарын берип жеңесин кошуп берди, Чоронун иниси Жайлоонун аялы Мээрим менен Аселдин сиңдиси Айпери бирге кетишти. Аселди үйгө киргизип башына жоолук салып көшөгөсүн тартышты, Атыркүл колунан келишинче төшөк жуурканды жакшысынан кымбатына карабай алган эле, жаздыктарынын баары пар жаздык, ошентсе дагы Кундуз жактырбай турду, абысындары мактап калды эле:

- Ой базардан сатып ала койгон да, - деди чүйрүйө.

- Кундуз, базардагыны дагы колунда пулу болсо алат, - деди Чүрөк деген келин, - Кызынын жүзү жарык болсун деп ар бир ата-эне ойлойт да.

- Мейли эми, балам каалап турса айла канча, менин ойлогонум башка эле…

- Балдардын бактылуу болушу үчүн макул болбогонго акыбыз жок, Асел деле жакшынакай кыз экен бечара.

- Ошо жылтыраган өңүнө кызыккан да менин балам, - деп Кундуз адегенден эле келинин жактырбады. Тууган-туушкандары болуп келин келди дешип кой союлуп эт бышып бака-шака түшүп жатканда Бектурсундун иниси:

- Жеңе ачуу басарды жөнөтөлү, - деди.

- Аа-а, унута жаздаган экенмин да, - Кундуз кериле басып сыртка чыгып кайнисин, өзүнүн агасы, Бектемир менен Арген үчөөнү жөнөтмөк болду, - Он миң сом, бул союш менен бул коробкаларды жүктөп алгыла.

- Макул жеңе, акчасы аз эмеспи?

- Он беш миң болобу?

- Ошондой болбосо болбойт, ачуу басар дегенди жакшы бергенибиз оң, - деди Бектемир дагы. Ошентип Чоронун батиринин эшигине кулдук уруп ачуу басар жеткирип келишти, күн мурунтан даярдап койгондуктан аларды сыйлап кийит-кийгизип жөнөтүштү. Батир болсо дагы эркин отуруп сый көрүп ыраазы болуп кетишти. Асел өзүн бактылуу сезип ак жоолукту башына салып, кызгалдактай кыз курагын келин деген атка алмаштырды. Тургун экөө абдан ынтымактуу, бири-бирине болгон сүйүүнүн рахатында өмүр сүрүп баштады.

- Асел, бактылуусуңбу жаным? - деп Тургун ар бир саатта сурай берет.

- Бактылуумун, сенин жаныңда болуу өзгөчө бактылуулукка бөлөйт.

- Алтыным десе, мен окууга кеткенде зерикпейсиң, мен келээрим менен экөөбүз көчөлөп эс алып келебиз ээ?

- Макул, сени күтүп үйдө отура берем.

- Апама жардам бересиңби?

- Жардам бербейм, - Асел Тургунду сынай карады.

- Эмнеге?

- Жардам бербейм, баардык ишти өзүм гана жасайм.

- Ой жинди десе, дагы эмне дейт экен десе, - Тургун каткырып ийди.

- Эмне дейт деп ойлодуң эле?

- Такыр иш кыла албайм деп айтат го дегем.

- Анда эмне кылат элең?

- Эчтеке, үйрөн демекмин, - деп экөө кучакташып төшөккө оонап калышты, бактылуу эки жаштын алгачкы жашоо кадамы ушинтип башталды, Кундуз келининин эрте турбай күн чыкканча жатып алганына жини келгени менен Тургундан коркуп унчуга алчу эмес. Тургундун окуусу башталгандан тартып Аселге кыйыта айтып сөз чыгарып жактырбаган мамилесин көргөзмөк болду.

- Асел, күйөөң менен түшкө чейин жата бергениңди кой, - деди бир күнү, - Келин деген эрте турат, эрине чай кайнатып берет, ачка кетип ооруп калса эмне болот ыя.

- Апа, кечирип коюңузчу.

- Кечийип кой деп коет, мындан ары эрте тур! - деп коюп дарбазадан чыгып кетти, Асел унчукпай кала берди, ызаланды бирок эчтеке билгизбей үйлөрдү жыйнап, идиш-аякты жууп эшигин шыпырып бүтүп эми отурганда Тургун келди.

- Асел, зериккен жоксуңбу? - деп эки бетинен өбө артына бекиткен бир тал роза гүлүн берди, - Менин сүйүктүү жарым, гүлүмдү кабыл алып кой!

- Кабыл алдым.

- Жүрү, көчөгө чыгабыз, кафеден тамактаналычы.

- Апам келсе эмне дейт, үйдөн эле ичеличи.

- Жок-жо-ок, бүгүн экөөбүз сейилдеп келебиз? - деп Тургун келинчегин көтөрүп ала коюп спальныйга кирди, - Кийинип чыгасыңбы же…

- Кийинейин, - деп Асел кыткылыктап күлүп андан бошонуп кийимдер илинген бөлмөгө качып чыкты да катар илинген кийимдерди карап туруп ата-энесиникинде баштык-баштык болуп турган кийимдерин эстеди, анда дагы арзан баадагы кийимдер, бир кийген соң сапаты жоголуп саны бар сапаты жок эле, мында такыр башкача, Тургун Аселге кымбат баалуу кийимдердин ар түрүн алып берген, бут кийимден эле беш-алтоо турат, анан дагы үстүңкү кийимине окшош бут кийимдер, сумкасы дагы ошондой: "Аттиң, ушул турмушумду кут кылсынчы, апасы мени жеп жибермек беле", - деп үстүнө ак кастюм юбка менен аппак туфлини кийип, башына ак жоолукту салынып чыкканда Тургун аны көрүп:

- Ох-хо, менин алтын айымым! - деп так көтөрүп алып эшикке чыга бермек болгондо Кундуз кирип келе жаткан, - Аа-а апа, - Тургун Аселди түшүрө койду.

- Кайда жөнөдүңөр балам?

- Апа, Асел зеригип кетти, сейилдеп келсекпи дегенбиз.

- Эми үйбүлө болдуңар үй-жайга карагыла, менин ишим чачтан көп, Аселди ата-энесиникине төркүлөтүш керек, таятаңдар чакырып жатат, Арген дагы үйүнө келип кеткиле деп жатат, баарына мен жетише аламбы? - деди мисирээ.

- Апа, чакырса барабыз да.

- Барганда баары акча, сейилдеп жүрө берсеңер иш бүтмөк беле, билесиңби алдыга түшкөндө оңой акча керектелбейт.

- Апа, менин ата-энем мени акча менен баалабайт, - деди Асел.

- Кандайча, бул тирүүлүктө дегеле акча менен дүнүйөнү жаман көргөн пендени көргөн эмесмин, - деп ичкери кирип кетти, Тургун апасына эч нерсе дей албай туруп калды.

- Тургун эч жакка барбай эле коелучу, апама чай берейин, - деп Асел ичкери кирип чечинип кийим алмаштырып чыкканча Тургун апасына кирди.

- Мен өз апамды тааныбай турам, же сизге Асел жакпадыбы?

- Өзүң билгенден кийин жаккан-жакпаганын сурап эмне кыласың?

- Түшүнбөдүм апа.

- Болуптур, жашоо өзүңөрдүкү, сүйүү тамак аш болуп бербейт, ал жөн гана азгырык, адам жашоодо жаңылбоого аракет кылыш керек, жаңылган соң оңдоо кыйын.

- Апа, мен сени келинине мындай мамиле кылат деп күткөн эмесмин, мындай болсо биз бөлүнүп жашайбыз! - деп Тургун чыгып ашканада тамак даярдай баштаган Аселге келди.

- Апама таарынба Асел, анча-мынчасын көтөрүп кой.

- Тургун, апама эч капа болбойм, алардын айтканы бизге акыл гана.

- Алтышка, таарынбачы ээ? - деп анын жаагынан өөп жатканда Кундуз кирип келе жаткан.

- Силер уялбай калгансыңарбы? - деди ызырына.

- Кечир апа, - Тургун чыгып кетти.

- Аял деген эркекти тыят, жүрү десе кете береби, кылган ишиң жок керээли кечке уктайсың, эриң келсе кыңшылап калат экенсиң, улууну сыйлаганды үйрөткөн эмеспи апаң?

- Үйрөткөн, апам абдан акылдуу аял, анча-мынчаны көрмөксөнгө салып коет, анткени апамдын жаштыгы абдан жакшы өткөн экен апа, - деп койду Асел, - Башынан сүйүүнү өткөргөндөр айттырбай түшүнөт экен.

- Сен мени менен алым-сабак айтышкың келеби?

- Жок апа, сизге эле сүйлөсөм тилиме тибиртке чыксын, чындыкты айтканым эле болбосо…

- Сүйүү деп, сүйүү деген көзгө көрүнбөгөн азгырыкка ишенген эмесмин, - деп кайра чыгып кетмек болгондо:

- Чай даяр, чай ичиңиз апа, - деди Асел.

- Иче бергиле, мен таятаңдардыкына барып эртең келем, - деди да чыгып кетип баратып, - Турсун менен Туйгун ачка болуп калбасын, жакшылап карагыла, - деп коюп басып кетти.

- Макул апа, - деп Асел кала берди.

- Апам кайда кетти? - деп Тургун кирди.

- Таятамдыкына барам деди го?

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Мейли, ишин бүтүрө берсин, - деп Тургун келинчегинин кайнап жаткан тамагын моюн созо карап койду, - Бышайын дедиби?

- Азыр, камырын салам.

- Анда бышыптыр да, апам настроениени түшүрдү да.

- Ошого элеби Тургун, ата-эне айтпаса бала чектен чыгып кетпейби?

- Сен капа болуп калдыңбы дейм да.

- Мен капа болбойм, апамдын сөзү мага сабак болот, - деп Асел күлүп койду.

- Алтышка, ушундай акылдуу келинчекке туш болгонума ыраазымын, - деп дагы кучактап өпмөк болгондо Туйгун кирип келди.

- Апам үйдө жокпу? - деди ал эдиреңдей.

- Таятамдыкына кетти.

- Мени ала кетпейт беле?

- Өзүң тентип кайда жүрдүң?

- Балдар менен…

- Үйдөн чыкпагыла дебедим беле, Турсун кайда кеткен?

- Ал кызы менен жүрөт да.

- Эмитен элеби?

- Ал эмес мен деле чоңойдум го, - Туйгун агасына жылмая карап койду, - Он биринчи класста окуп жатам.

- Ой-оой, мен жөн эле жүргөн экенмин да, - Тургун каткырып ийди, - Кой карын ачты, курулдатпай бирдеме куялы, - деп үстөлгө отурду.

- Ал бала канчага чыгат?

- Менден эки жаш кичүү, бул андан үч жаш кичүү.

- Удаа эле турбайсыңарбы?

- Ооба, үч келин келсе турасыңар да.

- Абысындуу болгон жакшы да, - Өздөрүнчө сүйлөшүп тамактанганча күн кеч кирип кетти, Турсун кирди бир убакта.

- Курсак ачты, бирдеме барбы?

- Ашканадан карасаң, - деди Тургун, Аселди тургузбай.

- Жылытып берейин.

- Өзү жылытып ичет.

- Кой, апам укса капа болот, - дегенде Тургун унчукпай калды, Асел тамакты ысытып кайнисине берип коюп кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Асел өзүн бактылуу сезгени менен кайненесинен заарканып турчу болду, алдынан чыга калса жүрөгү шуу этип кетет. Кийинки айда кудасынын алдына барууга туугандарын жыйып кеңешип алып элүү миң сом, беш кой бир жылкы, бир уй алып он киши бармак болду. Чоро малды кийин алабыз деп коюп он кишини кафеге тозмок болуп камынды, саатын болжоп айттырып ийген экен Кундуз.

- Куданын эшик төрүн качан көрөбүз, деги кудага жыргаган экенмин, - деди абысынына, - Алдына түшүп барганда үйүнө эле тозсо болбойбу?

- Ай жеңе, азыр куда тозуу эмес куран окутканды деле кафе ресторанга тосуп калышпадыбы, заманбапка ылайыктап тосоюн деп жатса керек?

- Билбейм ай Зияш, келинге дагы ичим чыкпады, - дегенде Асел угуп тим болду: "Мейли, ичиң чыкпаса көрө жатаарбыз, Тургун мен деп турганда мен сөз кайтарбайм, төрөп түшүп алсам баары меники болбогондо кимдики болмок эле, акыры баш ийесиң", - деп ойлонуп билмексен болуп койду. Кечки саат алтыларда куда тараптан он чакты киши менен тосуп алышты, үстөл үстүндө нелер гана жок, чучук менен казы, карталар, таттуунун кымбаттары, салаттын түрү жайнайт, орун алышкандан кийин Чоро ордунан туруп:

- Куш келипсиздер кудалар, эки баланын урматы үчүн келгениңиздерге ыраазылык, - деди аста, салмактуу үн менен.

- Куда, элибизде бир сөз бар, "куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш", - деген, анын сыңары эки жаш баш кошуп минтип таанышып, сыйлашып отурабыз, эми кыз калыңсыз болсо дагы каадасыз болбойт дегендей азын оолак каадасын кылып коелу, - деди Бектемир жеңесин карай.

- Куда, уулум менен Асел бири-бирин жактырып калып куда болуп отурабыз, биздин маңдайыбыз жарыла кубанычыбыз ушул балдар, эмесе ошол кааданы ушул кудаңар, Тургундун атасы менен бир тууган эжеси жасап койсун, - деп кайнежесин карады, ошол кезде Тумаркан тура калып Чорого сүлөөсүн тебетейди кийгизип, үстүнө кымкап чапан жаап, Атыркүлгө лама пальто менен чоң жоолукту салып калганы инилерине кийгизишип топурап жатканда Бектемир Чоронун колуна акчаны берип:

- Бул арзыбаган акчаны алып коюңуз, малды качан алам десеңиз даяр, - деп кол алышып ордуна келди. Азыр бей-бечара менен бардар адамдар болуп бөлүнгөн кезде "Элита", - дешип ооздорун чоюштап калышат эмеспи. Бул күнү негедир эки жак тең өздөрүн уятка калбоонун аракетин жасап алынын жетишинче сыйлашып жатышты. Ушул саатта Кундуз өзүнөн-өзү уялгандай болду, анткени көргөн менен адамдын жан дүйнөсүн билип болбосун сезди, бир көрүп эле теңсинбегени өзүнүн пастыгына уялды, кечээ эле орто үйбүлөдөн, айылдын жөнөкөй үйбүлөсүндө өскөнүн унута түшкөнүнө уялды: "Акылымдын пастыгынан бир жаңылдым эле, эми чөнтөгүм акчага толгонуна эсирип уулумдун сүйүп алган жарына жаман көрүнө жаздадым", - деп көп сүйлөбөй отуруп калды. Чоро менен Атыркүл кудаларын жан-алы калбай сыйлап жатты. Узатаарда Кундузга жети миң сомдук пальто кийгизип, чоң жоолук салды, Тумарканга дагы сый кийит кийгизишип бир койдун этин толук кешик кылып берип кыз-күйөөсүнө кымбат кийимдерди кийгизгенде ыраазы болуп Кундуз кудагыйы менен кучакташып коштошушту. Батирине келгенде көтөрүнүп келип батирдеги коңшуларын чакырып чай беришти. Андан кийин гана акчанын элүү миң экенин көргөндө Чоро.

- Байбиче, кызымдын бактылуу болоорун түшүмдө көргөмүн, - деди күлмүңдөй, - Анын арты менен балдарың адам болот.

- Ошондой эле болсунчу атасы.

- Кудалар дагы жаман адамдар эмес экен, кызымдын жүзү жарык болуп барган жерине кем болбосун деген оюбуз ордунан чыкты.

- Ооба, кудагый саал жактырбагандай болду эле, шыпылдап калыптыр го?

- Купулуна толгондурбуз байбиче, Айпери чоңойгуча буттан туруп калабыз байбиче, денсоолук эле берсинчи кудай, туугандар дагы таңгалып калды, колубуздан эчтеке келбестей көрүштү эле.

- Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо бере албайт деген ошол да, жеп-ичкенге тим эле жетип келишиптир го, кошумчасы жок жадагалса…

- Мейли байбиче, катарга кошула баштаганда өздөрү эле жүгүрүп калышат, - дешип сүйлөшүп отурушту. Эки-үч күндөн кийин жылкы менен уйду, беш кой менен алдырып алып мал базарга алып чыгып сатышты дагы, бүтүп бүтө элек эки бөлмө үй сатып алып дароо көчүп барып алышты. Тургун өзү билип апасына билгизбей үйүнө жардам берип жатты, күздүн күнү бир айдын ичинде ремонттун бүтүрүп кирип алышты. Кайрадан тачкасын түртүп, Улук экөө иштеп, Атыркүл дагы ишин улантты, Улуктан кийинки Тунугу жетинчи класс, Айпери бешинчи класста окуйт, алар өздөрүнчө тамагын ичип, кийимдерин жууп, кечкиге тамагын жасап ата-энесин күтүп алышат, өз үйүм өлөң төшөгүм дегендей батирге караганда оңуп эле калышты. Айпери чоңоюп калганга классташтарынан гүл алып келип отургузуп бөлмөлөрдү кооздогонду жакшы көрөт. Кечке маал Тургун менен Асел келип калды.

- Эже, сиздерде гүл барбы? - деди Айпери.

- Эмне кыласың?

- Үйгө гүл өстүрөм, кооз-кооз гүлдөрдү отургузам, жазында эшиктин алдына гүл тигем, - деп Айпери эжесине күлмүңдөй карады.

- Гүлдүн уругун биз таап беребиз ээ Асел? - деди Тургун.

- Ооба, базарда өстүрүлгөн гүл сатылат го, даярын алып келип беребиз, жакшы карайсыңбы?

- Ооба, кууратпай жакшы карайм.

- Болуптур, - деп күлүп калышты, - Апамдар кеч келип жатабы?

- Ооба, аябай кеч келишет.

- Мейли, - Асел Тургунга карады, - Бүгүн кетпей эле коелу ээ?

- Макул, жатып кетебиз.

- Апам урушпайбы?

- Эмнеге урушмак эле, ал деле түшүнөт да, - деп алып келгендерин тамак жасап алып күтүп калышты. Адал эмгек, ак эмгек менен жашасаң акыбетиң кайтат дейт эмеспи, канчалык кыйналып тапканы өздөрүнө жесе тамак, кийсе кийим болуп бара-бара оңолуп баратышты. Жазында Тургун кирпич түшүрүп уста салып койду чоң үй салганга. Бул кезде Асел кош бойлуу болуп калган, алты айлык болуп Тургун ого бетер көзүн карап турат. Арген тез-тез каттап турат, Насыйкат менен Асел абдан ынак, эже-сиңдидей мамиледе. Шамбет күндөн-күнгө байып баратты, эшигинин алдына Хундай менен жеңил машинанын жаңы үлгүдөгү жип токтоп турат, Эмма үчүнчүсүн төрөп алган. Негедир алардын үйүнө чоңдор каттай турган, эки күндөн биринде айнектери караңгы чет элдик унаалар келип-кетип турат. Эмма аялдардай болуп айыл-апага кирбейт, аш-тойлорго жакшы каттап, кошумча кошуп кийит алып барганы менен үйдөн чыкпайт, коңшу келин менен кээде гана сүйлөшө калганы болбосо. Бир күнү Аргендер келген, үч жылдай болсо дагы Насыйкат боюна болбой жүргөн эле, ал келип үй ичине каралашып калганда коңшусу келип калды, Эмма аны узатып чыгып сүйлөшүп туруп калды.

- Сен үйдөн такыр чыкпайсың, зерикпейсиңби? - деди Чынара.

- Эмнеге зеригем, балдарым зериктирбейт.

- Ошентсе деле эшик-эликке чыгып турбайсыңбы, келиндер отуруш уюштурганы жатабыз кошуласыңбы?

- Үйдө балдар менен чыга албайм го?

- Күйөөң деле эч жакка чыкпайт го?

- Ал малдан чыкпайт, чөп кыркат, жем берип сугарат, иш көп да.

- Ошентсе деле бир күн экен да, көп болсо эки сааттай отурабыз.

- Байкап көрөйүнчү.

- Ошент, айына миң сомдон ойнойбуз, он беш он алты болот экенбиз, - деди Чынара бежиреп.

- Ойлоноюн ээ?

- Ойлон, чек ташташабыз, ким биринчи болсо ошол тосот, чай-пай менен эле тособуз деп жатышат.

- Макул көрөм, келиним капа болот үйгө кирейин, - деди Эмма.

- Баса сенин атың эмнеге башкача, кыргыздын атына окшобойт го?

- Баккан апам немец кызы экен, ошол койсо керек.

- Ошондой, - деп шыпшынып койду Чынара, - Мейли анда эртең жообун бересиң да.

- Ооба, бир жообун берем, - деп үйүн көздөй басканда Шамбет өзүн карап туруптур, анын эки жакка чыкпаганы жакчу, аялдар менен сүйлөшсө эле чоочуй берчү, сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет дегендей жаш немени дагы бир бузуп ийеби деп ойлоочу эле.

- Эмне болду? - деди ага.

- Чынара келиптир, жалаң келиндер отуруш ойнойбуз дейт.

- Эмне дедиң анан?

- Ойлонуп көрөйүн дедим.

- Качан башташат экен.

- Он беш болот экен, айына миң сомдон, чек ташташат экен.

- Кошулсаң кошул, элден бөлүнгөн болбойт.

- Көңүлүм жок, көрөм да, - деп ичке кирди.

- Ата, Айдинди бизге бергиле, эрмек болот, - деди Арген алар ээрчише кирээри менен эле.

- Эмне, - Шамбет ошондо гана келининин төрөбөй жүргөнүн эстеди, - Макул-макул, алып кеткиле, - деди шашкан бойдон, Насыйкат жер карап күнөөлүүдөй үн дебеди.

- Силерди жүдөтөт го, тынбай турган убагы, - деди Эмма күлүп.

- Жүдөбөйбүз, Насыйкат азыр үйдө, - деди Арген Айдинди көтөрүп өпкүлөп, - Кайра жеткирип беребиз да, жакын элебиз го?

- Алып кете бергиле, - деди Шамбет уулуна боору ооруй, убагында өзү дагы аялы беш жыл төрөбөй жүргөндө бала көрсө ичинен тынып ойлонуп кыжаалат болгонун эстеп. Эми төртөө жаңы дасторконго отуруп тамак алдыга келгенде Насыйкат оозун баса сыртка чыгып кетип көпкө жоголду, Эмма чыкса кусуп жаткан экен.

- Эмне болду Насыйкат?

- Билбейм, эки-үч күндөн бери жүрөгүм айланып эле тамактын жытына кускум келет, - деди Насыйкат.

- Ашказаның ооручу эмес беле?

- Жо-ок.

- Анда сүйүнчүңөрдү даярдай бергиле, кудай берет экен балам, - деди энесиндей камкор боло Эмма.

- Эмнеге апа?

- Сен кош кабат болупсуң.

- Коюңузчу, чын элеби?

- Ооба, боюнда болгондо аял ошондой болот, бир нерсе эңсеген жоксуңбу?

- Алма эле жегим келет апа, - деди Насыйкат кубана күлмүңдөй.

- Кудай бериптир балам, буйруса балалуу болосуңар.

- Оозуңузга май, төрөбөйт окшойм деп коркуп жүрдүм эле.

- Жүрү, ата-балага сүйүнчүлөйбүз, - деп Эмма дагы кубанып келинин колунан ала жетелеп үйгө кирип келишти, - Арген, сүйүнчү балам.

- Эмне болду апа?

- Буйруса балалуу болосуңар!

- Коюңузчу?

- Койбой эле, эртең баргыла дагы врачка көрүнсүн, үч айдан өткөн тура, - деп көзү ачыктай сүйүнүчтүү сүйлөп жатты.

- Кудай жалгаган экен, ырас болгон тура, - Шамбет андан бетер кубанып жатты. Насыйкат жүзү албыра күйөөсүн кылгыра карап: "Неге апама барып айтпадым экен, ал деле билмек, кандай жакшы адамдар өгөйлүгүн билгизбейт, менин апам дагы алтын, бул дагы", - деп ойлуу отуруп жүрөгү кабынан чыга жаздап кубанычтан ээлигип жатты. Эртеси эртелеп шаарга жөнөштү, алар үйгө кайрылбай эле өздөрүн карачу врачка киргизди Насыйкатты, жарым саат өтпөй кубанычтан көздөрү жайнаган Насыйкат чыга келди.

- Эмне деди, көрүндүңбү? - деп сурап жиберди Арген.

- Ооба, бар экен.

- Алтыным! - деп ошол эле жерден көтөрүп тегеренип жатканда баары суктана карап калышты.

- Болду, эл карап жатат.

- Караса мейли, - деген Арген Насыйкатты түшүрдү да отургандарга кайрылды, - Кечиресиздер, биз балалуу болот экенбиз, үч жылдан бери күтүп жүрдүк эле, - деди да күлүп колуктусун колтуктап чыгып кетти.

- Арген, мен ишенбей турам, - деди кылгыра карап Насыйкат.

- Эмнеге?

- Төрөбөй калам го деп үмүт үзүп калсам керек.

- Кой, антип айтпа, кудайым экөөбүздү кошкондон кийин томсортуп койбосун билгем, акыры балалуу болоорубузга ишенгем, - деп машинасын башкарып келе жатып сүйлөп жатты.

- Атамдардыкына баралыбы?

- Сен эмне десең ошо болот мадам! - деп күлүп койду.

- Менин адилет мырзам, тил алгычым…

- Сен менин алтынымсың, дүйнөдөгү баарымсың.

- Атам аябай кубанаттыр, өткөндө апам экөө мени ойлонуп кейишкен экен, апам айткан, ал врачка көрүн деп жаткан болчу.

- Ананчы, бул кубанычыбызды кут кылсын, - дешип кайнатасынын үйүнүн эшигине токтошту, Эмилбек эшикте жүргөн.

- Келгиле балдарым, келгиле.

- Келдик ата, - Экөө учурашып ичкери киришти, Нуруш алардын жүзүнөн кубанычты дароо эле сезди.

- Экөөңөр тең кубанып алыпсыңар, бизге айтаарыңар бар го? - Нуруш Насыйкатты өөп, - Төргө өткүлө, - деди.

- Апа, апа биз балалуу болобуз, - деди Насыйкат озуна.

- Озуңа май кызым, ушундай болоорун билгемин, кечээки түшүмдө беш кызыл алма экөөңөр алып жатыпсыңар, беш эркек төрөйсүң кызым.

- Бешти, дароо элеби? - Насыйкат корккондой көзүн алайта карап калды.

- Айбан кыз десе, беш уулдуу болосуңар дегеним да, беш алманы силерге карыя адам берип жатыптыр, аял эрегин биле албай ойгонуп кетпедимби.

- Өх, коркуп кеткенимчи, - Насыйкат күлүп жиберди.

- Кызым, кубанбай көптүн бириндей кабыл алгыла, кудайдын бергенин кармайсыңар, өтө кубанбагыла, аман-эсен көзгө көрүнсүн, - деди Эмилбек аларга.

- Туура айтат балдар, кудай деп тургула.

- Бала төрөлө электе ат камдап, кийим албагыла, бул дагы керектүү ырым.

- Макул ата, апа эптеп эле көз жарып алса болду, - деп Арген ойлонуп калды. Ошентип кайра эле атасыныкына жөнөдү, анткени алар дагы күтүп жатышкан. Уккандан кийин алар дагы Эмилбек менен Нуруш айтканды айтып отурушту. Ошентип кечке маал үйлөрүнө жөнөштү. Шамбет эс ала түштү: "Аялдын бактысы балада деген чын экен го, бечара келинимдин жүзү кубанычка балкып калыптыр, аман-эсен көз жарып алса экен", - деп күрсүнө кыңкайып жатып калды. Турмуштун оош-кыйышы, түрмөдө өткөн өмүрү дагы ноюткан эмес, ата-энесинен калган тамды оңдоп койгон, анда буудай-жүгөрү, ундары турат, кээде жашыруун иштер менен келишкен адамдары менен ошол бир бөлмөсүндө сүйлөшүп узатат. Негизи булар зыяндуулардан жабыркагандарга жардам беришчү, себеби эч кимиси башка бирөөгө жамандык кылышпайт. Бир күнү райондук акимдин өзү чакырткан экен кабинетине баш бакты:

- Кел-кел, как раз күтүп жаттым эле, - деп кош колдой учурашты.

- Ачык сүйлө иним, кандай жардам керек?

- Областтан киши келип мени коркутуп жатат, анткени ушул шайлоодо жеңип чыкпаса мени кызматтан алып күлүңдү көккө сапырам дейт, ал айтканын кылат, канчасын билем, дайынсыз болуп кетти, өлүгү табылбай калат, - деп чын сырын айтып бет маңдайында отурду, - Сизди мага Күкүк дешти эле…

- Аты-жөнүн, дарегин жаз, а менин ким экениме кызыкпаганың оң.

- Жарайт, үйбүлөмө зыян тийбесе болду эле.

- Оозуңа бек бол!

- Жарайт, дудук болоюн.

- Мени тааныйсыңбы?

- Жок-жок, тааныбайм, - деп желпилдеп жатты аким.

- Болуптур, үч күндөн кийин мына бул банкка, бул эсеп менен жөнөтөсүң.

- Жарайт, - деп эсеп жазылган кагазды алып калды. Шамбет андайда сакал тагынып, жүдөгөн кийим менен таанылбай тургандай болуп алат, акимден чыккандан кийин Артурга чалды. Өз милдетин бүткөндөн кийин үйүнө келип жай турмушун өткөрүп жашоосун уланта берет, анын кандай иш менен жүргөнү белгисиз бойдон калат, жадагалса Эмма анын сырын билбейт. Үч күн өткөндө түндөп үчөө келди да ага өз энчисин берип анан кетишти, эртеси эле телевизордон областын бир чиновниги жоголгону тууралуу кабарлады. Мыйыгынан күлүп карап отуруп: "Кайран Артур аба, мындайга машсың, канча адамды жоготсо эми өзү жоголду, бирөөгө ор казсаң тар каз, өзүң түшүп калууң мүмкүн деген чын да", - деп ойлонуп тизээсинде жатып уктап калган Арсенди башынан сылай: "Балдарым мен баскан жолду баспасын, жай гана пенде катары жашап өтсө экен", - деп ойлонуп алды.

- Эмма, Арсенди жаткырчы, - деди.

- Азыр жаткырам, колум бошосун.

- Төшөк даяр болсо өзүм жаткырайын анда.

- Жок, сала элекмин…

Кундуз Тургунду бөлүп коймок болду оюнда, анткени уул-келининин көзүнчө эрте кетип кеч келгенден тартынып баса албай калды. Айдар Жусупбековичтин жанында ар дайым болгусу келет, мурдагыдай жолугушуу кыйын болду. Ал ошентип ойлонуп шаардан эки бөлмө үй караштырып жүргөндө Турсун үйлөнөм деп чыкты, айласы кетип эмне кылаарын билбей калды. Асел кыз төрөгөн, жаш баласы менен үйдө, Тургун акыркы курста окуйт. Кундуз уулун токтотууга аракет кылды.

- Балам, быйылча кое тур, Тургунду бөлөйүн, анан сага аракет кылам, даярдануу керек.

- Апа, кудайга шүгүр эле го, күнүнө миллион айланып турат, эки кафе, ресторандардан түшкөн акча кайда кетип жатат, мени үйлөнтпөсөңүз анда мен башка жакка алып кетип калам.

- Аларды мен жеп жатамбы, жеген-ичкениңер, кийген кийимиңер, басканыңардын баары акча, үйдө эмне жок, элден кем калбасын деп баарын даярдап бергенмин, эмнеден кемсиңер ыя?

- Апа, ошондо дагы жок дебеңизчи, мен Алтынайды жоготуп алам, атасы аны башкага бергени жатыптыр, мен ансыз жашай албайм.

- Уулум, буйруктуу нерсе эч жакка качпайт, быйылча кое тур.

- Апа, - деди Тургун кирип келип, - Турсунду үйлөнтүү керек, жок дебеңиз да алып келе берсин, - деди.

- Тургун, анын кандай кыз экенин билбей эле алып кел дей бересиңби?

- Кыздай эле кыз, сулуу жакшы, - деп Турсун күлө, - Кандай болмок эле, атасы бир фирмада иштейт, жакшы турушат.

- Алда кудай ай, ойлоноюнчу деги, башымды ооруттуңар го, жалгыз силер деп күн-түндөп эсептеп, күндүк акчаны банкка салып коюп кийинкиңерди ойлогонумду билбейт экенсиңер го? - Кейип-кепчип отуруп калды.

- Тургун аке, адегенде кыздын колун сураш керек.

- Ала качсаң болбойбу?

- Атасы сени сүйгөн жигит болсо келип сенин колуңду сурасын дептир.

- Анда барыш керек, өзүбүз эле барабыз, - деп инисин далыга таптады, - Арген акем, мен апам, Бектемир акем болуп эле барабыз, Асел кошо барат.

- Ой бала, өзүңөр чече баштадыңарбы, жок дегенде бир-эки ай кое тур!

- Мен барбасам атасы берип жиберет апа, - деди Турсун апасына жини келгендей, - Эгер бир жуманын ичинде барбасак андан айрылам, анда менден силер кутуласыңар, мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм!

- Кой, андай дебе, - Тургун апасын карады, - Эмне дейсиз апа, барабызбы же жокпу?

- Бүгүн жанымды койгулачы, мен ресторанга кеттим, - деп Кундуз кийинип алып чыгып кетти.

- Кабатыр болбо, апам макул болот, аны дагы түшүнүш керек, буйруса келиндүү болот экенбиз да, - деп инисинин көңүлүн көтөрө сүйлөдү.

- Апам көнбөсө мен жок болом аке, - деди Турсун жер карай.

- Антпе, анча-мынчага капалана берсең болбой калбайбы, кечинде дагы сүйлөшөбүз, - деди да кызынын ыйлаганын угуп ички бөлмөгө кирди, - Асел, кызым эмнеге ыйлап жатат?

- Бала ыйлабай чоңоймок беле? - Асел күлүп койду, - Мен кичинемде аябай ыйлаак экенмин, апам алып отуруп уктачу экен.

- Тескерисинче мен жоош болуптурмун, жалаягым чылпылдап суу болуп калса да былкылдабай уктай берчү экенмин, - Күлүп кызынын мурдунан чымчып койду.

- Жакшы экен.

- Эмнеси жакшы?

- Сийдикке жата бергениң.

- Мени мазактаганыңбы? - деп Тургун келинчегин эркелете басып жыгылды.

- Чү-үш, кызың көрүп жатат, уят эмеспи.

- Кызым уруксат берет да.

- Койчу эми, бала кирип келет.

- Кирбейт, ал дагы бир кызды сүйүп калыптыр.

- Чынбы, үйлөнөм дейби?

- Ооба, чатак салып жатат, - Тургун чалкасынан түшүп жатып алып ойлуу, - Атам болгондо бир күндө эки келин алууга макул болмок, апам аял киши, жалгыз болуп жатат да, - деди.

- Капаланбачы эми, жакшылык ишке апам каршы болбос.

- Бүтөт дечи, апам кое тур деп жатпайбы?

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Балким өзүнүн ойлогону бардыр.

- Ошондой окшойт.

- Бала эмне дейт анан?

- Ал үйлөнбөсөм өлөм дейт.

- Койчу?

- Чын, ошол кыздан калсам жашабайм деп коркутуп жатат.

- Кызык, катуу сүйгөн го?

- Мен сени сүйгөндөй.

- Сен дагы ошенттиң беле?

- Апам каршы болгон эмес да.

- Аа-а, - деп койду Асел, андан кийин өз-өзүнчө ойго батып калышты, - Мен тамак жасайын, Айсууну карап тур ээ? - деди көптөн кийин.

- Кызым экөөбүз уктайбыз, - Тургун ороодогу ымыркайды кучактап алып жатып калды.

- Уктап калып басып алба.

- Кантип эле, мен деле билем.

- Этият бол, - деди да Асел чыгып кетти, Туйгун кирип келип.

- Жеңе курсак ачты, - деди.

- Чай бар, ичип турсаң тамак бышып калат.

- Апам жокпу?

- Жок, жумушуна кетти окшойт.

- Айсуу уктап жатабы?

- Ооба.

- Ий да, - деп коюп Туйгун ичке кирип кетти, Асел ашканада тамак жасап өзүнчө ойлонуп калды: "Эмнеге каршы болот, үйлөнтө бербейби, Турсун деле бойго жетип калды да, эми Туйгун дагы үйлөнөм десе эмне болоор экен", - деп өзүнчө жоруп коюп ишин жасап жатты.

Кундуз терең деп ала сыртка чыкты да өз машинасына отуруп жөнөп кетти, ал кээде гана айдайт, көбүнчө Тургун минет: "Балаң кургурлар десе, менин эмне болуп жүргөнүм менен иштери да жок, менин деле жашоодо өзүм үчүн кам көрүүм керек го, неге өздөрүн ойлоп мени сезишпейт, же ушул жашымда турмушка чыга албасам, балдардан ийменип жүрүп өмүрүмдү өткөрөт экенмин да", - деп ойлонуп курбусу Гуляга жөнөдү, ал врач, күйөөсү жок аял, кээде андан кеңеш алып турат. Бүгүн ал үйүндө, анткени кезек менен иштеп эс алып турчу, үйүнө келип дарбазанын жанына токтоду да түшүп такылдатты.

- Ким? - деген эркектин үнү угулду, бул улуу баласы болчу.

- Гуля үйдөбү?

- Кириңиз, апам үйдө, - деди Болот Кундузду тааный коюп.

- Кандай жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыздар? - деп ичке кирип келе жатканда Гуля чыга калды.

- Оой кел Кундуз.

- Келдим кандайсың?

- Жакшы, - Экөө ээрчише төркү бөлмөгө киришти.

- Сүйлө, кандай жаңылык?

- Курбум өзүң билесиң да, көңүл чөккөндө сага келем, бош болсоң кеттик ресторанга, анан сүйлөшөбүз.

- Жарайт, мен кийинип чыгайын, - деп Гуля дароо кийинип чыга калды, экөө унаага отурушту да жөнөп кетти.

- Ээ курбум, мени балдар түшүнүшпөй мени кыйнады, - деп Кундуз сөз баштады.

- Сен түшүндүрүүгө аракет кыл, анткени алар сенин балдарың, дал ушул учурда сен стреске кабылсаң оңой менен оңоло албайсың, ачууланбаганга аракеттен, өзүңдү карма.

- Эми экинчи уулум үйлөнөм дейт.

- Үйлөнөм десе үйлөнтүш керек, анын дагы өз мезгили бар.

- Макул болушум керекпи?

- Албетте, анын азыр ошондой учуру, - деди Гуля.

- Улуу балам дагы өзү тапкан, бул дагы сүйгөнүм бар дейт, болбосо өлүп калам деп коркутат акмак, - деп койду Кундуз. Алар жыш көчөлөрдүн бурчуна жетип бийик кабаттуу имараттын жанына токтошту, алдыңкы кабатында жасалгалуу, ичи күмүш түстүү нур берип турган бөлмөгө киришти, бул Кундуздун бөлмөсү, кээ бир конокторду ушул жерден тосот, - Отур, - деди да кнопканы басканда ресторандын директору кирди.

- Саламатсызбы Кундуз Карабековна?

- Саламат, бизге особый эки тамак алып келгиле.

- Жарайт, - деп чыгып кетти.

- Билесиңби Гуля, жаш кезимде анча билчү эмесмин, сага айтапаганда кимге айтам курбум, Айдарды билесиң го, ал экөөбүз жолуга албай калдык, ошого туталана берчү болдум, - деди аста, бирөөлөр угуп калчудай.

- Сен туталанбай өзүңдү карма, балдардан дагы өспүрүм кези, алардын психологиясы таптакыр башка, көз карашы бөлөк, мамилени башкача жасап этият мамиле кылбасаң болбойт, - деди Гуля токтоо, - Алардын дагы өткөөл учуру.

- Жакшы эле аракет кылам, бирок ачууланып кетчү болдум.

- Антпе, өзүңдү да аларды дагы токтоолук менен жеңүүгө даяр болушуң керек, сен энесиң да.

- Ооба, энемин курбум, сенден кеңеш суроого ошону үчүн келбедимби.

- Кеңешим ушул, балаң үйлөнөм десе үйлөнт, колуңда жок эмес, ханбийкедей эле жашооң бар, бирөөгө көз каранды эмессиң, - деди Гуля Кундуздун мактоону жактырган мүнөзүн билгендиктен.

- Аның туура, сен айткандай эле үйлөнтсө үйлөнтөйүн, бул айтканың туура, - деп Кундуз курбусунун кеңешине муюгансып калды. Экөө винодон аз-аздап алып, тамактанып ресторандан чыгып Гуляны жеткирип кайтты, ал келгенде Тургун үйдө болчу.

- Турсун кайда кетти? - деди Кундуз.

- Билбейм, келип калаар.

- Сен Бектемир акеңе айт, Турсунду үйлөнтөбүз де, анан Аргендерди чакыр, эжеңди да айтып кел, баары эртең келишсин.

- Жарайт апа, келин алабызбы?

- Ооба.

- Таятамдаргачы?

- Аларга өзүм барам.

- Макул, баарын өзүм бүтүрөм, машина менен барайынбы?

- Ооба, жөө качан жетишмек элең.

- Кеттим анда, - Тургун сыртка чыгып кетти.

- Асел, Айсуу ыйлаган жокпу? - деп төркү бөлмөгө баш бакты Кундуз.

- Жок апа, уктап эле жатат.

- Айланайын десе, тынч уктаганы жакшы.

- Апа, сиз баланы карап коенсузбу, мен жалаягын жууп алайын.

- Жууй бер, карап турам, неберемди карабай анан, - деп Кундуз энелик мээрими жеңип келинине жылуу көз караш менен карап жылмайып коюп: "Эң биринчи неберем эмеспи, кантип жаман көрмөк элем, баса Арген эмнеге балалуу болбой жүрөт, Тургундан бир жарым жыл мурун үйлөндү эле, үч жылдан бери неге төрөбөйт", - деп ойлонуп отуруп кайрадан Турсундун үйлөнчү кызына такалды: "Азыркы кыздар колунда бардын балдарына чап эле жармашып калат экен, сүйбөсө дагы сүйөм дешет окшойт, Асел деле ошентип тийип алды го, байкуш балдарым ай, эмнеси болсо да бактылуу болуп аман-эсен жүргүлө", - деп ойлонуп небереси уктап жаткан бөлмөгө кирди. Асел арыдан бери жууп, анан тамак жасоого киришмек болуп:

- Апа, кандай тамак жасайын? - деп Кундуздан сурады.

- Өзүң бил, Турсун менен Туйгун келет, Тургунду туугандарга жөнөттүм, - Туйгун келдиби үйгө?

- Келип тамак ичип кеткен.

- Иий, деги булар кыз издеп эле көчөдө жүрө беришеби, эмне кылып жүргөнү белгисиз, - деп өзүнчө күңкүлдөп алды.

Туугандары келгенден кийин эле кеңешип-таңашып дароо эле үйлөнтпөй сөйкө салып коюп үйлөнүү тоюн кийинкиге калтырууга сүйлөшүштү, ага Турсун макул болуп Алтынайга жолугуп сүйүнчүлөп турду.

- Алтынай, эки күндөн кийин сенин үйүңө келебиз, кандай ойлойсуң?

- Макулмун, мен сени сүйөм Турсун, атам досунун баласына берем дегенде аябай ыйлап жатып алдым эле апам экөө сүйлөшүп жигитин көрөлү дешиптир.

- Мени жактырбай коюшсачы?

- Эмнеге, мага жаксаң болду да, атам мени жакшы көрөт, макул болот.

- Алтынай, мен сени аябай сүйөм, сенден айрылгым келбейт.

- Мен дагы, эгерде атам макул болбосо сени менен качып кетем.

- Иши кылса мени таштабайсыңбы Алтынай?

- Мен таштамак турсун сенден бөлүнгөн күнү өзүмдү-өзүм өлтүрөм!

- Мен дагы, сенсиз бир мүнөт дагы жашабайм.

- Кел антташабыз.

- Кел, эгер сенден айрылып кала берсем, же унутсам төшү түктүү жер урсун!

- Сенден айлырып жашоого аракет кылсам төбөсү ачык көк урсун!

- Келе колуңду, бири-бирибизден айрылбайбыз, өлсөк бирге өлөбүз.

- Бул өмүр бири-бирибиз чогуу болсок гана кымбат жана кооз, эгер биз бөлүнгөн мүнөттөн баштап караңгыга айланат! - деп экөө кол кармашып алып бири-бирине ант берип турушту, чынында өткөөл курактагы жаштардын өрттөн да кайтпас учуру болот эмеспи, бул эки жаш дагы ташкындаган селден, ээ-жаа бербеген күчтүү өрттөн, адам туруштук бере албаган албуут бороондон да кайра тартпас убагы эле. Алдыда экөөнү кандай тагдыр күтүп турганын сезбей кыналыша бактылуу болуп туруп анан эки бөлүнүштү: "Айдар Жусупбекович кызына куда түшүп келээрин угуп абдан даярданып жатты, эшигинин алдындагы жүзүмдүн алдына узун үстөл койдуруп, импорт стулдарды тизип үстүн толтуруп койду, атайын кызматчылар конок күтүү менен алек, бирок ушул даам, кеткен чыгымы ошол бойдон бир адам ооз тийбей жалдырап калаарын ал ойлободу. Кундуз адатынча кийимдин жакшысын кийинип, абысындарын жандатып машинада чалкалап келе жатты.

- Кудабыз чоң жерде иштейт дейт го жеңе, - деди абысыны.

- Көрөбүз да, башкысы балдар бактылуу болсо болду.

- Аныңыз туура дечи, мындайда андай чоңдор өздөрүн көрсөткүсү келишет да, кызынын кадыры үчүн дагы чачылат да.

- Кызы кандай болду экен, өңү эле эмес акылы болсо экен, - дешип баратканда дарек боюнча келип калдык, - деп алдыңкы машина токтоп калды, Бектемир алдыда, Тумаркан, Арген менен Насыйкат болуп, алардын артында Тургун бараткан.

- Апа алдыга кир, - деди ал, Кундуз кайнежесинин артынан кирип келе жатканда алдынан бир топ аял-эркек чыгып каршы алышты, ошол убакта чыга калган Айдар Жусупбекович өңү бузула оозуна сөз кирбей туруп калды.

- Конокторду тозбойсуңбу? - деген аялынын сөзү кулагына кирбеди: "Менин балам үйлөнөм деп кыйнап жатат", - деген Кундуздун сөзү кулагына жаңырып эси ооп турганда Кундуз дагы аны көрүп отура албай же чыгып кете албай туруп калды. Ошондо Турсун эки жакты карап Алтынайды издеп жатты, аны жеңеси ээрчитип чыгып келе жаткан.

- Кир үйгө! - деген катуу үндөн баары селт этип алышты.

- Эмне болду сага? - деп аялы Сейде күйөөсүн караганда анын бүткөн бою калтырап турганын көрүп чоочуп кетти, аңгыча күтүүсүз жерден Кундуз шалак этип кулап түштү. Эмне болуп кеткенине көзү жетпей келгендер аны менен алек болуп Шааркан чырылдап ийди.

- Эмне турасыңар, доктурга алып жөнөгүлө!

- Апа, эмне болду апа? - деп Арген менен Тургун экөө суу чачканда дагы эсине келбей оозунан шилекей куюлуп өңү көкмөк болуп кетти, аны машинага салып ооруканага алып жөнөштү, Айдар Жусупбекович жүрөгүн мыкчып отуруп калды, ага врач чакырып укол сайдырып карап калышты. Алтынай менен Турсун бири-бирин көрбөй, ата-энелеринин эмнеге андай болгонун биле албай эки жакта бук болгону менен бири апасынын жанында, бири атасынын жанында болуп жатты. Кундуз эсине келе албай үчүнчү күнү зорго көзүн ачты, бирок ал түбөлүккө баспай калды. Врачтар баш мээге катуу доо кеткен дешти, сүйлөй албай жаңсап жатканын көрүп Турсундун жүрөгү ооруп Алтынайды негедир жек көрүп кетти: "Эгерде ал ак жолтой болсо апам мындай болмок эмес, апам минтип жатса кыз сүйүп эмне кылам, кызын бербесе койсун", - деген ойго келди. Алтынай көз жашын көлдөтүп апасына:

- Апа, атам атайлап бергиси келбедиби? - деди ыйлап.

- Мен кайдан билем кызым, апасы кандайча эси ооп калды, мен ошого таңмын.

- Атам мага кыйкырганда чоочуп кетти окшойт да, биринчи атам каршылыгын билдирип койду го?

- Кандай экенине көзүм жетпей калды, канча тамак желбей калды…

- Атам жакшы болуп калса экөөңөр барып көрүп келгилечи.

- Мен өзүм барайын, сен мени менен бирге бар.

- Макул апа, - Алтынай кубанып кетип кайра томсоро түштү, - Мен барсам эмне деп ойлошот апа?

- Эчтеке дебейт кызым, жигитиң түшүнсө болду, деги көз жашыңды төкпөчү кагылайын, - деген Сейде: "Бул экөөнүн ортосунда бир сыр бар, балким экөө жүргөндүр, балдарынын табышып алганына экөө тең шок болду го, ооба андай болбосо эмнеге эми келген кезде бири-бирин көрүп өңдөрү бузулду", - деп ойлонуп үйдө жаткан күйөөсүнүн үстүнө кирди.

- Айдар, мен тиги кудагыйдын ал-абалын көрүп келейин.

- Кайдагы кудагый, кызыңа айтып кой, экинчи ал баланы оозанбасын!

- Эмнеге Айдар, бала жаш жакшынакай эле бирөөнүн баласы экен, кызың өзү сүйсө, кандайча каршы болобуз? - деди сынай.

- Эч кандай, эч кандай ага бербейм, бир жумадан кийин Америкага жөнөтөмүн! - деп Айдар ары бурулуп кетти.

- Кызыңдын көз жашы көл болуп жатат, ага барбасам өлөм дейт.

- Эмне-е, өлгүсү келсе өлө берсин, жашоодон тажап жатса өлсүн! - деп Айдар ачуусу келгенинен бетинин түгү чыга түштү.

- Ошончолук эмне болуп кетти, келе электе ким экенин сураштырсак болмок экен, ал аялда ала албаган өчүң барбы?

- Башты оорута бербечи, кызыңды Америкага жөнөтөм, айт ошентип.

- Алтынай айтканынан кайтпасын билесиң да.

- Билем-билем, бирок мени угууга тийиш! - деп дагы калтырай түштү, анын кан басымы көтөрүлүп дары ичип жүрчү, Сейде дарысын алып келип берди, бир аз эс алгандан кийин Сейде жанына отурду да сөзүн улады.

- Сенин жаш кездеги адатың калган эмес экен да, менин көзүмө чөп салып үйгө отургузуп коюп көрүнгөн менен жүргөнүңдү балдар үчүн кечирип койдум эле, көрсө ошол аял менен мамилең бар экен да, балдардын бактысына балта чапты ошол мамилеңер, мен эми түшүндүм, - Көзүнүн жашын аарчып алды, - Мен өмүрдө жалаң көз жаш төгүп өтүү үчүн келген экенмин Айдар, а сен күндүгүңө жорго минип өтүп баратасың, бирок кызыңдын көз жашын агызбасаң болот эле го, бул да болсо жараткандын сага берээр жазасы, бирок сенин же менин күнөөбүз үчүн эч качан балдар жабыр тартпашы керек эле…

- Сейде эмне деп эле жатасың, мен аялдын күйөөсү менен өч болчумун, - деди Айдар айласы кете башын көтөрүп, - Ошондой адамдын баласына кыз беремби?

- Атасы өлгөн экен, өлгөн адамды күнөөлөгөн болбойт, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген сөз бар го?

- Эмне кыл дейсиң эми?

- Эгерде ак, таза болсоң балдарга каршы болбо, силердин өткөн кегиңер үчүн алар күнөөлүү эмес, Алтынайдын акыбалын көрчү, баланын акыбалы мунукунан кем эместир…

- Барсаң барып көрүп келчи, кандай экен? - деди аргасыз үшкүрүнө, - Ал акмак менин эң жаман көргөн адамым эле да.

- Сенин эмне кылып жүргөнүңдү, кандай иш жасаганыңды мен билемби, алып келгениңди гана пайдаланып үйдө эне, сага татыктуу жар болуп отуз жылдап жашап келе жатам, ал аялдын баласынын күнөөсү жок да, - Сейде өйдө болду, - Ачык айт, сенин азабыңдан кызымдын бактысы тайкы болуп сүйбөгөн бирөөгө туш болушун каалабайм!

- Эч кандай күнөөм жок, карганайынбы?

- Үч жолу сурайм Айдар, залакаң балдарга тийбейби?

- Тийбейт, аны менен ишим дагы жок, - деди да кайра жатып алды. Сейде бир нерсени сезди, эмне кылаарын билбей: "Мейли, чын эле атасы менен келишпестик жайы бардыр, кызымдын көөнү үчүн бир барып келейин", - деп кийинип алды да тамак аш алып Алтынайды ээрчитип алып ооруканага жөнөдү. Алар келгенде Шааркан менен Арген, Тургун, Турсун менен Туйгундар бар болчу. Турсун бир карап алып унчукпай жер карап калганда Алтынай жаман абалда калды: "Эмнеге тура калбайт, же апасы ошончолук оорбу, иши кылса өлбөсө экен", - деп таарынычты унута апасынын жанында турду.

- Кандай балдар, апаңардын акыбалы дуруспу? - деди Сейде.

- Жакшы-жакшы, - деди Арген менен Тургун жарыша.

- Кудайга шүгүр айланайын, дурус эле, - деди Шааркан дагы.

- Ошентсин, биз дагы атасынан чыга албай жаттык.

- Жакшы болуп калдыбы айланайын?

- Кан басымы көтөрүлүп турат, ошонусу кармай түшүптүр, - деди Сейде сыр билгизбей.

- Кел айланайын кызым, сени өөп коеюн, - Шааркан Алтынайды өзүнө чакырды, - Мен таенең болом кызым.

- Саламатсызбы? - Алтынай келип учурашты.

- Кирсек болобу? - деди Сейде.

- Азыр укол алып жатат.

- Ийи, - деп Сейде туруп калды, бир кезде сестра чыгып кеткенден кийин киришти, Кундуз көзүн ачып жаткан экен, аларды көрүп көзүн тартып алды, анын жүзү чыдабады көрүнөт, - Жакшы болуп калдыңызбы? - деп Сейде маңдайына келди, - Өзүңүздү жакшы сезип калдыңызбы? - дегенде Кундуз башын гана ийкеди, кошо кирген Шааркан:

- Сүйлөбөйт айланайын, нерпине катуу доо кеткен дейт доктур, - деди.

- Өтүп кетээр, капаланбаңыз эми.

- Кудай жакшы, - Шааркан үшкүрүнө отуруп калды.

- Тамак алып келдим эле, балдар дагы ачкадыр, сиз.. . чогуу ичиңиздер.

- Жүрөккө эчтеке барбайт, кызымдын тамагынан эчтеке өтпөйт, суу эле ичет, - деп сыртка чыгышты.

- Жакшы болуп кетиңиз, келип турабыз, - деп Сейде айтканда Кундуз башын гана ийкеди. Жүрөгү ооруй сыртка чыгып тамагын Шааркандын колуна берди да кетмек болду. Турсун Алтынайды өзүнө акырын чакырып экөө сыртка карай басканда Сейде туруп калды.

- Алтынай, эмне болуп кеткенин өзүм дагы билбей калдым, атаң эмнеге каршы болуп жатат? - деди Алтынайга карап.

- Турсун, атам каршы деле эмес, мен дагы түшүнө албай калдым.

- Эми эмне кылабыз?

- Билбейм, апаң эле жакшы болуп кетсинчи.

- Апам, - деди Турсун кабак бүркөй, анан баарын айтып берди, - Ошондой, экинчи апамды баспайт дешет врачтар, буга мен күнөөлүүмүн.

- Андай дебечи Турсун, күчтүү врачтарга көрсөтүп дарылатса басып кетээр.

- Билбейм, өзүмдү күнөөлүү деп сезем.

- Кечир Турсун, менин дагы күнөөм бар, биз үйлөнөбүз дебесек мындай болбос беле…

- Алтынай, биз өз сүйүүбүз үчүн күрөштүк, ар бир адам өздөрүнүн келечеги үчүн күрөшүшү мүмкүн го, эмнеге сен өзүңдү күнөөлүмүн дейсиң?

- Сен күнөөлүү болсоң мен дагы күнөөлүүмүн.

- Алтыным, сени эч качан күнөөлүү дебейм, - деп Турсун Алтынайды бооруна кысты: "Мен сүйгөнүмдү кантип күнөөлөйм, жаңылып кала жаздадым, кандай болсо дагы Алтынайдан ажырабайм", - деп экөө кучакташып турганда үстүңкү кабаттын терезесинде турган Арген менен Тургун аларды көрүп бири-бирин карап жылмайып коюшту, не экөөнүн тең эстерине өткөнү түштүбү, айтор кубаныч бардай, Сейде катуу ойлонуп калды: "Эми эмне болот, Алтынай менен Турсун кайра тартаар түрү жок, апасы баспай калса, сүйлөбөй да калса кандай болот, жаш эле экен, бирөөгө көз каранды болуу кандай жаман, балдар ай балдар", - деп кейип үйүнө келди. Айдар эшикте басып жүргөн экен, бир нерседен тынчсызданган түрү бар.

- Барып келдик, - деди Сейде аны көрүп эле.

- Эмне болуптур?

- Иш кыйын, сүйлөбөйт экен, нервке доо кеткен имиш, катуу ойлонуп ийген го бечара, баспай калышы мүмкүн дептир врач.

- Ошончо оор бекен?

- Ооба, адамдар жасаган күнөөңөр үчүн артыңардагыларга салакаңарды тийгизгениңер жаман го, ал сени көрүп коркуп кеткен окшойт, күйөөсүнүн өчүн балдарымдан алабы деп, эне жүрөгү назик эмеспи.

- Кыйын болгон экен.

- Ананчы, балдарга жөн эле бата берип койсоң болмок.

- Мен эмне кылдым? - Аялын ормое карады.

- Кой, сени менен акыйлашып отурганда эмне? - деп Сейде үйгө кирип кетти, - Деги бир сыр бар, анын күйөөсү бирөөнүн колунан өлдү дешти эле, балким ушул кылгандыр, эмнеси болсо дагы балдарга зыяны тийбесе болду, - деп күңкүлдөп отура кетти.

- Апа, эми эмне болот? - деди Алтынай жанына келип.

- Билбейм кызым, кудай деп туралычы, Турсун экөөңөр таарынышкан жоксуңарбы? - Сейде кызын суроолуу карады.

- Жо-ок, эмнеге таарынышмак элек?

- Ошондой эле болсун, - деди дагы оюна бирдеме түшкөндөй, - Кызым, ушул боюнча жолукпай эле койсоң кантет? - деди.

- Эмнеге апа? - Кыз апасын үрпөйө карады.

- Сүйүү деген бир жанып кайра өчүп калчу чырак сымал, жел болсо эле жалп өчөт, балким Турсун сенден сууп калса жашооңор болбой калабы деп ойлойм да, - деди эне кызын аягандай.

- Турсун антпейт, ал мени сүйөт апа, эгерде биз ажыраша турган болсок экөөбүз тең өлөбүз деп антташканбыз, каршы болсоңор биз тирүү калбайбыз! - деди апасына жалдырай көзүн жашылданта.

- Ок, ал эмне дегениң кызым, азыр балапан элесиңер да, келечегиңер али алдыда, андай жаман сөздү айтпай жүр, ким каршы болмок эле, саал күтө турсаңар эми, - деп Сейденин жүрөгү "болк" дей түштү, - Садагам десе, ант менен ойногон болбойт, таптакыр ишке ашпай турган ишке гана антташышат, силер азыр жашсыңар, ал жөнүндө ойлонбогула.

- Анан эмнеге атам кечээ күнү үнүн бардыгынча кыйкырды, ал кыйкырбаса Турсундун апасы дагы мындай болбойт болчу, - деп Алтынай тултуя өз бөлмөсүнө чыгып кетти. Сейде ойлонуп калды: "Бу балдарга ишениш да болбойт, карачы буларга каршы болушса экөөбүз тең өлөбүз дешкенин, кой күндүр-түндүр карап турбасам болбойт", - деп ойлонуп Айдардын киришин күттү.

Арген ооруканада Тургун менен күндөп-түндөп болгонго чарчады көрүнөт, Тургунга:

- Мен үйгө барып келейинчи, Насыйкат дагы чоочуп калбасын, - деди.

- Мейли, мен деле кетпесем болбойт, таенем туруп турат, барып Туйгунду жиберем.

- Макул анда, апама кирип айтып чыгайын, - деп Арген палатага кирди, - Мен үйгө барып эртең келейин, - деди, Кундуз башын ийкеди, Арген ичи тыз эте артына кайрылып чыгып кетти, ал күнү Шааркан эле калды.

- Жараткан жакшылыгын берсин кызым, сенин көп күнөөң бар, балдарыңа тийбесинчи, кудай боор ооруп сакайып кетсең бир күнчөлүк билинбей калат, - деп үшкүрүнө караганда Кундуздун көз жашы кычыгынан агып жаздыкка агып жатканын көрүп жүрөгү сыздап жүз аарчысы менен аарчыды, - Капалана бербе, ойлоно берсең кайдан жакшы болосуң, кудайга жүрөгүңдөн берилип жалын, кудай кечирет кызым, - деди көпкө сүйлөп. Убакыт билинбей кейип-кепчип жүрүп эки жума өтүп кетти, врачтар Кундузду чыгармак болду, ал бир аз колдору кыймылдап отуруп калган, бирок сүйлөбөй жатты. Үйүнө алып келип түлөө өткөрүштү, кайын журту менен бир туугандары тез-тез келип турушат, Сейде дагы келип көрүп кетип турду. Бара-бара сүйлөй баштаганда кубанып жатышты. Турсун болсо күн алыс Алтынайга жолугуп турат, бүгүн дагы жолугуп сүйлөшүп турушту.

- Турсун, апабыз жакшыбы? - деди Алтынай назик коңгуроодой үнү менен жигитке ыктай.

- Буйруса жакшы, эми басып кетсе эле болду.

- Кабатыр боло берем, биздин кесирибизден болдубу деп.

- Алтынай, мындай ойду ойлобочу жаным.

- Сары санаа боло берем.

- Эч ойлонбо, апам сакайып кетсе эле үйлөнөбүз, баары билип деги калышты, эми коркпойбуз, биз эми бактылуу болобуз, уктуңбу жаным, бактылуу болобуз, бизде баары бар, болгону күтүшүбүз керек, - деп Турсун кызды имере кучактап өбүшүп туруп бакыттын эмне экенин сезе элек, темир канат балапандай дирилдеп, биринин демине бири ырахаттанып жатты. Айдар үйүндө эмне кылаар айласын таппай далбастаганы менен аялынан тартынып сыр билгизбейт: "Бул эмне деген шумдук, Сейдеге түшүндүргөнүм менен балдар түшүнбөй өздөрүнө кастык жасашса кандай болот, кантип алардын үйлөнүшүнө кантип чыдайм, кантип Кундуз менен куда-кудагый болом", - деп сары санаа болуп жүрдү. Аны кудагый деп атоого жүзү чыдабай жатты. Сырттан кирген Сейдени көрүп:

- Барып келдиңби? - деди.

- Ооба.

- Кандай болуп калыптыр?

- Мурункудан дурус, бирок баспай көпкө жатса кыйын го, балдар кыйналат, өзүнө деле оор келет, дүнүйөдө кор кылбасын кудайым.

- Пешенесинен көрөт да, ар бир адамдын көрөөр күнү пешенеден.

- Анысы бар, бирок жаш туруп көз каранды болуп калганы оор өзүнө.

- Ооба-а, өтө кыйын, көтөрбөскө аргасы жок пенденин, - деди да ичкериге ээрчише кирди: "Менин күнөөмдүн айынан кызым азап тартып бактысыз болуусу мүмкүн эмес, эчтеке билбегендей гана Алтынайыма батамды беришим керек, кудай өзү кечирээр, балдар билбесе болду, Кундуздун ал-абалын билгенге барып коюшум керек, Сейде дагы күмөн санабагандай болсун", - деген чечимге келди Айдар. Эртеси гүл алып, торт көтөрүп алып Сейде экөө кеңешип алардын үйүнө ээрчишип барышканда Гуля отурган экен.

- Саламатсыздарбы? - деп Айдар Гуля менен учурашып анан Кундузга гүлдү сунду, - Сакайып кетишиңизди тилейм.

- Рахмат-рахмат, - деди Гуля, Кундуз башын ийкеп көзүн ала качты, анын артына кош жаздык коюп жөлөнүп отурган, гүлдү Гуляга берди.

- Сакайып калдыңызбы? - деди кайра дагы Кундузга кайрыла.

- Кечиресиз, Кундуз бир аз өзүнө келсин, буйруса аз-аздап сүйлөй баштаптыр, мен дагы кеч угуп келдим.

- Айланайын, - деп ар жактан Шааркан басып келди, - Келгениңе рахмат, кудай кошуп куда-кудагый болуп калсаңар баары ордуна келет балам, сакайып кетсе жаркылдап чайын куюп маңдайыңарда отурат, кудайдан башка айла жок, - деди үшкүрүнө креслого отуруп жатып. Асел чай алып келип, чай куйду, бир чыныдан ичип тим болушту, Айдар менен Сейде учурашып анан денсоолук каалап аерден чыгышты. Экөө машинада келе жатып үн деген жок, өз ойлору менен алек болуп баратышкан, Сейде күйөөсүн карап коюп бир нерсе демей болуп унчукпай калды:

- Сейде, сен бирдеме айткың келген жокпу?

- Аа-а, мен сага бир сөз айтайын дедим эле.

- Эмнени, айта бер.

- Кундузду чоң врачтарга, же башка жакка алып барыш керек го?

- Ошентсе деле болмок.

- Сен сүйлөшпөйсүңбү балдарына.

- Көрөйүн.

- Көрбөй эле жакшылап сүйлөшүп эртелеп аракет кылгыла.

- Макул-макул байбиче.

- Адамдын мүңкүрөп турушу жүрөгүмдү оорутат, биздикине баргандагы келбети, турпаты азыр кана бечаранын, мусапырдай болуп калды, калыбына келсин, - деп Сейде ыйлагысы келип токтоду.

- Болду байбиче, мен балдары менен сүйлөшөйүн, - деп Айдар үйүнүн эшигине келип токутотту, - Жүрү үйгө кирели, азыр үйүнө телефон чалып сүйлөшөлү.

- Телефонун кайдан алабыз? - дегенде Айдар унчукпай калды, - Баса Алтынай билет чыгаар, сурайлычы кирип, - деди дагы шашыла үйгө киришти, Алтынайдан сурап алышты да Тургун менен сүйлөштү Айдар, бир жумадан кийин Арген менен Тургун, Айдар болуп Москвага учуп кетишти, арадан бир ай өткөндө кадимкидей сүйлөп калды, басканы оңоло албай жатты, ошол күнү Бишкектен Айдар келип калды, жанында Туйгун бар эле, ал дагы бир жакка чыгып кеткен, эшик ачылып Айдар палатага баш бакты?

- Кундуз, ал-абалың кандай?

- Жакшы кел.

- Балдар жок беле?

- Туйгун бир жакка кетти окшойт.

- Кандай анан, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди бет маңдайына стул коюп отуруп, - Кудайга шүгүр, өңүң оңолуп калыптыр.

- Рахмат, - деди шыбырай жер караган Кундуз.

- Кундуз.

- Угуп жатам.

- Балдар билбесин, алардын бири-биринен ажыраар түрү жок, бизди кудай кечирээр Кундуз…

- Ошондой дейсиңби?

- Ооба, балдарды кокус кылып алабызбы, - деп коркобуз.

- Эмне дегени турасың Айдар?

- Мен дагы көп ойлондум, сен бир өлүмдөн калдың.

- Аялыңдын алдында өзүңдү тазамын деп сезе аласыңбы?

- Ал түшүнөт, ошол сени ушул жакка алып баргыла деп айтып, сенин денсоолугуңдун жакшырышын каалады, катуу кейиди, эч нерседен шек санаган жок, ал жаман ойлобойт, буйруса мындан ары балдар үчүн жашайбыз, баарын унутууга аракет кылалы Кундуз.

- Мен унутуга аракет кылам дечи, бирок көрүшкөн сайын жүрөктөр дүкүлдөп бир шум чыгабы деп жамандыкты сезгендей болот, ушул бойдон тынч эле балдардын көңүлүн суутканга аракет кылсак кантет?

- Жок-жок Кундуз, эки бала бири-бирине ант берип коюшуптур, биз каршы болсок экөө тең өлөбүз деп шерт кылган имиш, мен кызымды жанымдай жакшы көрөм, алардын азыр жинди убагы, бирдин ичинен чыгышы мүмкүн, анын үстүнө ант-шерт деген жаман, ошондуктан макул болуудан башка жол жок.

- Ошондой де, - Кундуз унчукпай калды.

- Тагдырдын тамашасын карачы, ушунчадан экөөбүздүн балдарыбыздын бири-бирин сүйүп калганын карачы, - деп Айдар палатанын ичинде аркы-терки басып турганда Туйгун кирди.

- Салоом Алейкум!

- Ал-леким Салам.

- Качан келдиңиз?

- Бүгүн гана келдим.

- Апам жакшы, жакында чыгарабыз деп жатат.

- Жакшы болгон тура, Сейде дагы кайра-кайра сурап жатат, Алтынай андан бетер кабатырланып жүрөт.

- Качан кетесиз эми?

- Бир аз иштерим бер, бүтсө эле кетем.

- Балким чогуу кетээрбиз, - деп күлүп койду Туйгун.

- Болсо болот, мен врачы менен сүйлөшүп көрөйүнчү, - деп Айдар палатадан чыгып кеткенде Туйгун апасынын этегине отурду.

- Кандай жакшы адам ээ апа, эгерде булар болбосо үйдө кармап отура берет элек да, анан сиз дагы азап тартып жүрө бермексиз.

- Биринчи себеп кудайдан балам.

- Мейли апа, уккуңуз келбей жатабы?

- Эчтекеге көңүлүм жок.

- Уколдоруңузду алдыңызбы?

- Ооба, жата бербей бас дейт врач.

- Анда палатага бастырайынбы апа, - деп Туйгун кубанып кетти.

- Макул, бир аз басайынчы, - дегенде Туйгун Кундузду жетелеп бир аз бастырды, эптеп такандап басып жатты, - Такымым тырышып калган го кокуй, - деп көзүн жумуп туруп калды, ошол убакта Айдар кирди.

- Буйруса баары жакшы, эки күндөн кийин чыгарат экен, мен бүрсүгүнкүгө билет алып коеюн, үчөөбүзгө даярдап коеюн дагы мейманканадан орун алайын, мен кеттим Туйгун, апаңа жакшы кара, - деди да шашыла чыгып кетти.

- Мен айтпадым беле апа, сен жакшы болуп кетесиң деп, мен Тургун акем менен Арген акемдерге телефон чалайын, алар бизди тосуп алгыдай болсун апа.

- Макул уулум, чала гой, - деп күлмүңдөй уулун карады.

- Сизди жаткырып коеюн, этият болуңуз, - деп колтуктап керебетке жеткирип бутунан кармамак болгондо Кундуз:

- Тим кой балам, өзүм эле, - деп өзү жатканда Туйгун ого бетер кубанды.

- Өзүңүз баса аласыз ээ апа?

- Ооба балам, буйруса басып калдым окшойт, - деп Кундуз шуу үшкүрүнө кымтыланып жатып калды. Туйгун телефонго жөнөдү. Ошентип жашоонун кызыгынан таптакыр үмүт үзүп койгон Кундуздун көңүлү ачылып, өмүрдөн көп нерсени үмүттөнткөн кызык дүйнө кайрадан өз кучагын ачты. Эки күндөн кийин алар Бишкекке учуп келди, уул-келиндери гүл көтөрүп алып тосуп алышты. Алар апасынын өзү басып калганына кубанып үйүнө келип түлөө өткөрүп эл чакырып бата алышты. Арадан көп өтпөй эле Турсун менен Алтынайдын үйлөнүү тоюу ресторандан өттү, эки тарап биригип үй менен эмеректерин белек кылышып дароо эле өздөрүнчө бөлүп коюшту. Той да болду, келин алып келим кетими көп болуп Асел менен Насыйкат жүгүрүп кызмат кылып жүрүштү, Насыйкат уул төрөп алган, Аселдин кызынан үч ай кичүү, али жөргөктө, Кундуз мурункудай жакшы басалбайт, таяк менен кирип чыгат, эки небересин карап үйдө, ошондо ал өзүнчө өкүнүп: "Кудайым кечире гөр, көп күнөө өз айыбымды кечир, денсоолук бер", - деп намаз окуп баштады. Баары бирге отурганда Туйгун тамашалай сүйлөдү.

- Силер сүйөм-күйөм деп канча кыйнадыңар, мен апам каалаган кызды алам ээ апа? - деди эле Турсун:

- Көрөм сени дагы, азыр кое тур, апам дурус болуп алсын, - деди.

- Ашыкпай кое тур, сага али боло элек, - деп Арген да күлүп койду.

- Эмнеге, мен деле жыйырмага чыктым, үйлөнсөм болбойбу?

- Болбойт, үйдүн эркеси да кенжеси да сенсиң, бир-эки жылдан кийин деле үйлөнгөнгө болот.

- Мейли, - деди Кундуз аста, - Бул деле бойго жетти, үчөөңөрдү үйлөнтүп неберелерди көрө берейин, Аргендин го үйлөнгөнүн көрбөдүм, мен сага муну же аны ал дебейм балам, тандаганыңды ал!

- Апа, Туйгун эч тоскоолдук кылбай эле азыр алып келсе да макулсузбу? - Турсун күлүп калды.

- Макулмун, силер таарынбагыла, баарыңар мен үчүн бирдейсиңер.

- Апам туура айтат, - деди Арген.

- Апа, кам санабай эле коюңуз, мен дагы беш жылдан кийин үйлөнөм, менин кызым эми бешинчи класста окуп жатат, - деп Туйгун каткырып калды, - Эки агама тийишип жатпайынбы?

- Тамашалабай эле үйлөнсөң үйлөн, - деди Кундуз, - Тургун жакында үй алып бөлүнөт, экөөбүз жалгыз калбайлыбы.

- Булар конокко келип турабы?

- Ооба, биз конокко келип турабыз, - дешип балдары өздөрүнчө бактылуу боло каткырып отурганын көргөн Кундуз кубанып отурду: "Ээ айланайын кудай, ушуну кут кыла көр, аңды-дөңдү бастым, жаңылдым-жаздым, билип-билбеген күнөөмдү кечир, мына менин бактым, ушулардын ынтымагы, бактысы менин бактым эмей эмне", - деп ойго чөмүлө түштү. Бир туугандар бакылдашып жатканда үч келини өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты.

- Жеңе, - деди Асел Насыйкатты карап, - Сиздер сүйлөшүп үйлөндүңүздөр беле?

- Сүйлөшүп үйлөнгөн чыгаар, - деди Алтынай.

- Жок, биз сүйлөшкөн эмеспиз.

- Чын элеби?

- Коюңузчу жеңе?

- Айтсам ишенээр белеңер? - Насыйкат жылмая карады аларды.

- Эмнеге ишенбейбиз, деги ортоңордо сүйүү болгон беле?

- Акемдин жеңеме кандай мамиле жасаганынан эле байкабайсыңарбы?

- Ооба, мага атам каршы болгон, бирок Аргенди көргөндөн кийин жактырып калып макул болгон, атам сүйлөшүп келин кылам дегендер келгенде мен туруп кетип калгам, күйөө болчу неме өчөшүп калып Аргенди уруп кеткенде жаман болгомун.

- Сиздердин башыңыздардан дагы көп нерсе өткөн экен да.

- Айтпа, Арген арыз жазбай койгон, анткени сенин күйөөң ошолордун ичинде экен да, - Аселди карады.

- Кантип?

- Ошондой, алар бири-бирин ошондо гана таанышып, апам табыштырган.

- Ай-ий, кызык болгон тура.

- Чын эле, - деп койду Алтынай, - Үч келин ар кайсыны сүйлөшүп жатышты, көптөн кийин дасторкон жыйылып Аргендер менен Турсун өз үйлөрүнө кетти, Тургун аларды узатып кайра кирди.

- Тургун, биз качан бөлүнөбүз? - деди өз бөлмөсүнө киргенде Асел.

- Шашылба, ойдогудай там табылсын, экөөбүз эл топураган кабат үйлөргө барбайбыз.

- Анан кандай үй алабыз.

- Особняк алам.

- Чынбы?

- Чын, анткени акча бар, бизден ким тартып алмак эле, атамдан калган дүнүйө мүлк менен банкта акча бар, иштетип жаткан булактарыбыз бар, жөн эле кете бермек белек, үчкө бөлөбүз жаным.

- Ошону тим койсоңчу.

- Болбойт, өз энчимди алышым керек.

- Тургун, эртең апамдарга барып келеличи.

- Макул, көптөн бери каттабай да калдык.

- Ооба, баягыда апамды көрүп келгенде бешик даярдап жатам деди эле.

- Эртең Айсуу үчөөбүз барабыз ээ кызым? - деп Тургун кызын өөп койду.

Чоро күйөө баласынын жардамы менен кирпич тамды бүтүп алган, бирок кире элек, үйдүн толук ремонту бүтө элек. Жанын жанга уруп, жамбашын ташка уруп дегендей уулу экөө тачка түртүп тапкан акчасын Атыркүлгө өткөрүп берип түнкүсүн эс алып акча жыйнап үйүнө материал алмакка чогултуп жатышты, таң заардан кетип күүгүмдө келишет. Үйдүн тегерегин тосуп алышкан, Тунугу он бирди окуп бүткөн, Айпери он бирде окуп бой тартып калган, Тунугун дагы тачка түртүп иштегенге көндүрө албай койду ата-энеси, ал достору менен короосун дубал менен айланта тосуп эшигинин алдына мөмө-чөмө отургузуп, тал-терек тигип убара. Атыркүл майда сооданы таштап чоң соодага өткөн, Айперини жайкысын орун алып базарга отургузушту. Кечке маал келген Асел баласы менен Тургун болуп келип калды, дал ошол күнү Атыркүл жумушка чыккан эмес, небересине бешик даярдап жаткан.

- Апа, кандайсыз? - деп кирип келди Асел.

- Апа жакшысызбы? - деп Тургун дагы учурашты.

- Садага болоюндар десе, кандай жатасыңар, апаң жакшы болуп калдыбы? - деп Атыркүл өбүшө учурашып небересин ала койду, - Секетиң кетейин десе, жылтыраган көзүн, - деп эркелете өөп койду, - Кудагый жакшыбы?

- Жакшы эле, - деди Тургун.

- Апам жакшы, бара-бара тыңып баратат, бизге көз каранды болбой өзү менен өзү болгону жакшы экен апа, кубанып жатабыз.

- Кубанбай анан, жакшы эле болуп кетсин.

- Апа, бешикти бүттүңүзбү?

- Ооба кызым, буйруса эки-үч күндө алып барып берем.

- Тургун апама айтышыбыз керек анда.

- Асел, кой кызым, кудагый ооруп жатса убара кылбагыла, өзүм эле жеткирип берем.

- Апа, ошол кантип болсун, апам ага макул болбойт, таарынып калат, - деп Тургун жылмая карады, - Биз турбайлыбы апа.

- Садага кетейиндер десе, кудагыйды аяп жатпайынбы, - деп Атыркүл уялгандай болуп калды. турмуштун канчалык оорчулугун тартып күн-түн тыным албай эмгектенип келе жатса дагы ноюбадым дегени менен жүзүндөгү тырыш анын көп түйшүк тартканын далилдеп турган эле, Кундуз экөө жашташ эле, бирок ага караганда Атыркүл бир топ улуудай көрүнөөр эле, анткени менен экөө тең эне, ошентсе дагы алардын айрымасы асман менен жердей. Кундуз кийинки кездери анча-мынчаны тоготпой калган болчу, башынан анын жаралгандагы кыял-жоругу, адамдык сапат жагынан башка жан. Атыркүл жөнөкөй аял, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, эмгекчил аял, бирөөгө жамандыгы жок, улуу-кичүүгө бирдей жумшак мамиле жасап көңүл калтырбаган мүнөзү бар.

- Апа, - деди Асел Тургун сыртка чыгып кеткенде, - Бешикти алып барганда жеңемдерди, таежемди, анан таекемдин аялын алып алыңыз, эчтеке болбойт, алар сый көрүп келсин, кайненем аябай жакшы, колдорунда бар, сүт акы беребиз деп жатат, ушунча буюм алып барып жатып жөн баса бермек белеңер?

- Сенин жүзүң бар да кызым, атаң сени кемсинбесин, сынып калбасын деп жатпайбы, мунун баарын сенин бактың үчүн жасадым, кыскасы себиңди бүттүм, мебелди да ырмайып-чырмайып алып койдук, доллар менен эмес өзүбүздөн чыккан мебелдер.

- Мейли апа, алар деле кур койбойт, Тургун жардам берели деп жатат.

- Жакшы эле жардам берди кызым, эми тим кой, атаң мындан ары иштебейм деп жатат, үйдүн калган ремонтун өзү жасабаса болбойт, азы калбадыбы, соодага эптеп жетишип калдык, эми Айпери дагы бой жетти, эмки кезек Улукту үйлөнтүп алсак…

- Улук үйлөнсө карап турмак белек, үйдү бүтүп анан алгыла.

- Ооба, үй бүткөндө үйлөнтөбүз, кыз баланыкы кыйын экен да, көз оорудай эле заматта кетет экен, ага дагы төшөк жасап ката берейин.

- Ооба, ишениш жок, - деп койду Асел ойлуу, - Мен силерди кыйнап койдум го апа, силер бутка тура электе күйөөгө тийип кетип.

- Анын эмнесин айтасың кызым, минтип жаман кыздуу болуп отурасың, Тургун өз балабыздай, - деди Атыркүл, бирок жок жонун кайыштырып, ичпей-жебей чогулткан акчаларын кызынын намысы үчүн сарптаганын кантип унутсун, бирок барган жери бардар, күйөө баласы жакшы болуп ошол кыйынчылыгын жаап кетпедиби.

- Апа, биз кете берели, эртең дордойго барабыз, сизге сонун пальто көргөмүн, ошону алып коелу, жеңемдерге дагы пальто, алайынбы?

- Алардын келгенине кара кызым, өткөндө жакшы эле кийип-ичип кеткен, артыңдан бир учурашып барып койбоду, же кызыңды көрүп койгон жок, - Атыркүл абысыны менен өзүнүн келинине нааразылыгын чыгара сүйлөдү, - Сени кепке калтырбай бир барып койсо болот эле го, кайненең ооруганда деле барып койгула биз менен деп канча айттым, колдору бошобогонун шылтоо кылышат.

- Апа, өзүңүз айтчы элеңиз го, сабырдуу анан көтөрүмдүү бол деп, аларга таарынбай эле коюңуз, кантсе дагы бир тууганбыз да апа, - деп Асел апасын кучактап өөп эркелей кетти, - Менин алтын апам, дүнүйөдө сиздей аялдар көп болсо адамдардын баары таптаза, адилет заман курулмак.

- Чоңойгонуңду билбей эркелей бересиң, эми кыздуу болуп калбадыңбы, уят кызым, - деп Атыркүл кызынын чачынан сылай жыттап койду, - Силердин бактылуу жүзүңөрдү гана көрүп турсам жаным тынч кызым, башканын мага кереги да жок, байлыктын - дүнүйөнүн, алар адамдан кымбат эмес, кардым ток, кийимим бүтүн болсо, силер кашымда бактылуу жүзүңөрдөн күлкү чачып турсаңар болду, мага ошол гана керек садагам, - Оор дем алып алды Атыркүл.

- Апа биз кетели, Тургун кетебизби? - деп үйгө кирген Тургунга кайрылды.

- Жатып алгыла балам, тамак асып койдум эле, атаң келсе чогуу отуруп тамактаналы, Улук дагы келип калат, - деп Атыркүл бөйпөңдөп калды, - Ушунча келип кайра эле кетем дегениңер болбойт.

- Апам кал дегенден кийин калабыз, менин атам менен сүйлөшө турган сөздөрүм бар, - деди Тургун күлө, - Атайын келип кетип калмак белек.

- Болуптур анда, кетпейбиз, - деп Асел ага карап наздана күлүп калды, - Тургун атамды аябай жакшы көрөт, аны менен сүйлөшөм деп турат, - деп апасын карады.

- Чоро дагы Тургунду Улуктан кем көрбөйт кызым, күйөө баланын жакшысы өз баладай эле болот, кой мен тамакты карайын, - дегенде Асел.

- Мен эле карайм, отура бер апа, - деп сырткы бөлмөгө чыкты. Аңгыча Чоро менен Улук кирди сырткы бөлмөдөн чечинип суу жылытып жуунуп анан ичкериге киришти.

- Келгиле балдарым, кудагый жакшы турабы, оорусунан сакайып калдыбы?

- Жакшы-жакшы, өзүңүздөр… - Тургун тура калып учурашты.

- Отур балам, отура бер.

- Сиз өтүңүз.

- Ээ балам, ушуну кут кылсын, кана Айсууну мага бергилечи, неберемди бир жыттап алайын, чарчаганым таркап кетсин, - деп Атыркүл алып отурган наристени колуна алды, - Ой-оой, жээни чоңоюп калган го? - Колуна алып жыттап-жыттап алып алдына алып отуруп эркелетип жатты, наристе аны карап күлүп култуң этип коюп жатты. Бардар үйбүлөнүн ойлогону, бактысы жалаң дүнүйө-байлык болуп бири-бирине карама-каршы болуп кээде атадан калган байлыкты бөлүшүүгө аракеттенип жоо болуп чыгат, ага караганда жетип-жетпей, ак эмгек менен нан тапкан үйбүлөдө тынчтык менен ынтымак өкүм сүрүп, баарын тең бөлүшүп адамгерчилик, адамдык сапат жогору болоору анык. Тургун менен Асел эртеси үйлөрүнө кетти, ал келгенде Кундуз.

- Куда-кудагыйлар жакшы жатышабы? - деди уул-келинине карап.

- Жатышат, салам айтып жакшы болуп кетишиңизди суранат.

- Рахмат, саламат болушсун, үйү бүтүптүрбү?

- Аз калыптыр, баса апа себи менен бешикти алып келебиз дейт.

- Качан келет экен?

- Эки күндөн кийин келет го?

- Анда эжең менен акеңдерди чакыр, даярдык көрөлү, Асел экөөңөр дордойго барып кийит-кече алгыла, колунда жогуна карабай байкуштар далбастап жатышат, Аселдин кадыры да балам, эне сүтүн дагы акчалай берелиби? - деди Тургунга карап, - Сыйлашаарым ушул кудалар эмеспи ээ балам? - Кундуздун сөзүн угуп турган Асел кубана ыраазы болуп калды. Ошентип баары өз жол-жосуну менен болуп, кыргыздын салты, үрп-адаты менен болуп куда-кудагыйлар ынтымактуу өтүп жатты. Ошол арада Айдар дагы Алтынайдын себин эртелеп бермек болуп кыз-күйөөсүнөн айттырып ийди. Муну уккан Кундуз: "Кандай гана болоор экен, бир кафени сатууга жетиштик, ресторандан түшкөнүн улам кетирип үч балам кийин оокатсыз калабы, Аселдин ата-энесине сүт акыга элүү миң бердим, булар го элүү миң сомго алар ыраазы болбойт, ошондуктан жакшы алып келишет, Тургун келсе машинаны айдатып алып дүкөнгө барайын дагы бир жылдан берки аренданы алайын, бир жыл төрт ай болуптур", - деп ойлонуп алды. Чынында артка кетип бараткан эле, удаа-удаа балдары үйлөнүп, ар биринин жол-жосунун өткөрүп келип каржала баштаган. Анан дагы балдарынын баскан турганы, кийген кийими жөнөкөй эмес, каалаганынча акча кармашат: "Эркеги жоктун бүлөөсү башы жок элдей чачкын болот тура, атасы болгондо мынчалык коромжу болмок эмес", - деп ушул ирээт Бектурсунду эстеди: "Сени да өзүмдү да азапка салдым, сен өлүп тындың, балдар биринен сала бири үйлөнүп, той топура болуп жакшы эле болуп жатат дечи, бирок сенин туугандарыңдан пайда жок, сенден калган дүнүйөнү мен өзүм жок кылып жаткандай унчугушпайт, колунан келгенин кылсын дедиби, балдарыңды бир тууган катары көрбөйт, канткенде үчөөнү өз-өзүнчө жашоого көндүрөм, Тургун окуп алды, кор болбойт, келинчеги үй аялы, Турсундун окугусу келбейт, Туйгунуңдун да окуюн деген ою жок, баары көчө балдарындай сезилет, анан эле сүйөм деп жетип келет, кандай кылаарымды билбей калдым", - деп үшкүрүнө эшикке эптеп чыгып күнгө отурду: "Ушунуңа дагы шүгүр, күз келди, жакында кыш да келет, сенин арабыздан кеткениңе он жыл болуптур", - деп ойлонуп туугандарын чакырбай эле коюну ойлоду. Ошентип Айдардын колунда бардыгын көрсөтүп Алтынайдын себин укмуш алып келишти, мебелдери чет элдик, жууркан төшөктөрү шуудураган жибек менен таза кыжымдан, идиш-аягынын баалуусун айтпа, жаздыктары куштун жүнүнөн жасалган, диван креслолору германияныкы, кыскасы бардыгын эсептегенде миллиондон ашаары чындык. Муну уккан Тумаркан жулкунуп жетип келди.

- Өзүңдү-өзүң билип калдыңбы, эмнеге кудаң келсе чакырбайсың, балдар менин бир туугандарым, унутуп калдыңбы аны?

- Эже, эчтекеден куруу калтырбадым, эки келинге жалгыз өзүм чачылдым, бириңер жардам бердиңерби, жамандыкын жатып ич, жакшыныкын катып ич болду, Бектурсундан калган дүнүйөнү талаага чачкан жокмун, балдарын элден кем кылбай үйлөндүрдүм, жасаган ишин улантып ошолордун келечегине кам көрүп жатам!

- Сенин тилиң чыгып калган экен, - Тумаркан кекете карады, - Сенин оюңча биз дагы сага колтойтуп кошумча беришибиз керек экен го?

- Мен үчүн эмес, иниңер үчүн бермексиңер.

- Ой келин, мынча тилиң узун, миллиондогон байлыгы калды инимдин, он келин алсаң дагы жетет, өзүң көпкөнүңдөн бурду

- ????

жок пайдаланганыңдан как жерге отуруп калышың мүмкүн! - деп булкуна кетмек болуп бурулганда алдынан Тургун көрүндү:

- Эже, апамды жаман көрсөңөр дагы биз үчүн жакшыраак мамиле кылсаңыз болбойбу? - деди ачуусу келе.

- Эмне болуптур ботом?

- Качан болсо апама кыйкырып-бакырып кетесиңер, азыр апам оорудан зорго сакайып келе жатат ага капаланганга болбойт, сиз эже келсеңиз сый көрүп кете тургандай болуп келип кетиңиз, биз эми бала эмеспиз, адам болдук.

- Оп-пей ботом, курган Бектурсун өлбөй ка-ал, сенин бир өлгөнүң мен үчүн миң өлүм болду го-о, мына сенин жогуң билинди, үйүңө келип сенин ордуңду таппай ыйлап гана кете турган болдум, - деп көз жашы кылып кетип баратканда Тургун:

- Келсеңиз ыйлабай кетип жүрүңүз, эми биздин үйдө ый эмес той гана болсун десеңиз, же инилериңиздин көбүнөн башыңыз адашып биздин жамандыгыбызды көргүңүз келеби ушул үйдөн? - деди орой, үнүн бийик чыгарып.

- Ко-оку-уй, булар башкача болуп өскөн тура, - Тумаркан кайрылып карады, - Бектурсунум барында керилип креслого отуруп чалкалап, кофе ичип, серүүндөп бак аралап эс алып көңүлүмдү көтөрүп кетчү элем.

- Ошого татыктуу болуп келип жүрүңүз, апама жөнү жок асыла бербеңиз, биз апамды кайра жаралгандай кубанып карап отурабыз, жакшы келсеңиз сизди биз дагы сыйлайбыз эже, - деди Тургун, - Ооруп жатканда кимиң сурап койдуңар.

- Кой балам, сүйлөбө улуу кишиге, мага сүйлөсө деле билинбейт, бир туугандай болуп калбадыкпы, эжеңди үйгө киргиз, чай-пай ичип кешиктен ооз тийсин, - деди Кундуз, - Аселдин колу бошобой жатабы?

- Бош элемин апа, тамак жасайынбы? - деп Асел кире калды.

- Эжеме өзүнчө тамак ас, дасторкон жайып кешиктерди алып келип ооз тийгизчи балам.

- Макул апа, - Асел шыпылдай чыгып кетти.

- Кечирип кой садага кетейин, Кундузга таарыныч кылбаганда кимге кылам, кантсе дагы эже-сиңдидей болуп калганбыз, мен эмне десем да макул болуп турчу, сөзүмдү эки кылчу эмес, ал тургай жанагы баласын дагы бизден тартынып балам дебей жүрбөдүбү, балакетиңди алайын десе, ыймандуу келин да, - деп анткорлоно кайра кирди Тумаркан, - Атаң байкуш Тумаш эже деп турчу эле…

- Эмне кылабыз, биз дагы жаш болуп калдык, сүрүштүргөнгө алыбыз келген жок.

- Кантейин, бир жолборс эле да атаң, силер чабал болуп калдыңар, - деп кейий креслого отура кетти, - Эми акыбалың дуруспу, аны-муну көңүлүңө алба айланайын Кундуз, баары күйүттүн кесепети, иним кандай гана адам эле атти-иң! - деп жүз аарчы менен мурдун шыр эттире алып койду, Асел үстөл үстүнө баарын коюп, жылкынын чучугун баштап, казы картасына чейин койду, чай сунуп.

- Чай ичиңиз эже, - деди ийиле.

- Кудай жалгасын айланайын, - деп шыпшынып тамактан алып жатты.

- Кудалардын алып келгендерин анан көрүңүз, Турсундар алып кете элек, өзбүздүн ресторанга жылкы союп тостук, ушунун баары Бектурсундун аты, намысы эмеспи эже, чынында анын балдары бир кайрылып бооруна тартып же каттап койбойт, балдар азыр деле жаш деп ойлойм, өз жемдерин талаша албайбы деп, кокус менин көзүм өтсө буларга күн көргөзбөөчүдөй түрү бар, - Кундуз аста сүйлөп отурду, - Сиз аларга каттайсызбы?

- Каттабай анан, барып турам, алардын энеси Бектурсун мени чанып кетсе мени карай турган жок бекен дегенсип эрге тийип алган, балдары өз-өзүнчө турушат, айла канча, балдарга барып турам, катташпайт өздөрү.

- Эже, ошол агаларым менен тааныштырып койбойсузбу? - деди Тургун.

- Тааныштырбай анан, Элмурат менен Калмурат азыр атасындай болуп өкмөттө иштейт, сыртынан көз салып өзү барда окутуп койбодубу, Бекмураты окуган жок, жай гана апасынан жаңы бөлүнүп жашап жатат, үчөөңөрдү үйгө чакырайын, алар дагы келет, ошондо тааныштырам макулбу садага? - деп ак көңүлдүгү кармай балпылдап жатты Тумаркан. Ошол убакта Бектемир келип калды аялы Сайнагүл экөө.

- Кандай жеңе, жакшы болуп калдыңызбы?

- Кудайга шүгүр, кел-келгиле.

- Кандай жеңе? - деп Сайнагүл дагы келип учурашты.

- Жакшы, чайга карагыла.

- Жеңе кудалар келиптир деп уктук, - деди Бектемир саал кекеткен түр менен.

- Ооба-ооба, эптеп кош-кош келин алып жатат, берген жардамыбыз жок, аман эле болушсун, - деп Тумаркан жасакерлене Кундуздан озунуп айтып ийди.

- Айтып деп койбой…

- Жетишпей калдык, жылкы союп агаңдын жогун билгизбей тостук, бир жылкыны акем кошумча кылып берген, сүт акысына жүз миң бердик, - деди Кундуз токтоо.

- Жакшы болуптур, - деп таарынчысын ачыкка чыгарбай отуруп үстөл үстүндөгү даамдан алып жеп жатышты аялы экөө, - Балдар бактылуу болсо болду, ошол жүз миң сомдук сеп келдиби анан? - Кыйыта сурады.

- Септин турушу миллиондон ашыптыр.

- Койчу, кудаңыз укмуш алып келген го?

- Кирип көргүлө, эки бөлмөгө батпай калды, алып кетише элек, - деди Кундуз сынай карап өзү туруп ички бөлмөлөрдү көздөй басып, - Мына көргүлө.

- Ох-хоо!

- Абдан жакшы келген экен.

- Чириген чиновниктерден го кудаңыз?

- Ошондой окшойт, мен деле билбейт экенмин.

- Укмуш, мебелдери, гарнитуру чет элдики туура ээ жеңе?

- Ооба, ар бири эле эки жүз миң доллар турат экен.

- Жакшы экен, буйрусун жеңе, чакырбай койду деп таарынып келдик эле, эми таарыныч жок, ушунча алып келгендерге оңой кийит кеткен жок да, кой биз кеттик, - деп кетмек болгондо Кундуз.

- Отургула, кудалардан калган бирдеке бар эле, эжемдер болуп ооз тийгиле, - деп Аселди карады эле, ал серванттан литр импорт аракты алып келди. - Коңшуларды дагы чакырып ооз тийгиздик, алдын ала үйгө келээри менен акеңе куран окуп туруп анан ооз тийдик, тигил койдун эти кудалар алып келген кешик, - деди, кээ-кээде Тумаркан да ичип койчу.

- Кунан кой го, кабыргасы эле торпоктукундай экен, - деп суктанып жаткан күйөөсүн Сайнагүл акырын нукуду, анткени жок турчу, көбүнчө агасы жардам берчү, өзү көп иче турган, - Жеңем менин ачууга жакын экенимди билет да, атайын коюп койгон тура, - деп бапылдап аракты ачып куя баштады.

- Ачкылга жакын экениңди элдин баары билет, - деди жактыра бербей Сайнагүл.

- Кой Сайнагүл, куданын кешиги деп ооз тийгизип жатам, мен болсо ичмек түгүл намаз окуп калдым, оорунун азабы экен.

- Деги да, жанталашып аракты ачса уяласың.

- Уялып эмне, бөлөк-бөтөн эмеспиз, өзүң эле келип керегиңди алып, балдарды ээрчитип келип турсаң боло, - деди Кундуз абысынына.

- Ооба десең, жөн эле келип барын алып, жардам берип тур да, - деп койду кошоматтана Тумаркан. Бектемир арактан эки стаканга куюп бирин эжесине узатты.

- Апей, эми сени менен арак ичемби? - деп чоочумуш этти Тумаркан.

- Эже, балдарга жакшы каалооңузду айтып коюңуз.

- Ийи ооба-ооба, кээде ичип да коем жерге кирсин, сууктап калганда, - деди өзүн актай, - Мейли эми Турсун менен Алтынай бактылуу болушсун, ак уул, кызыл кыздуу болушуп балпайган кемпир-чал болушсун садагаң кетейиндер, - деди стаканды кармап.

- Айтканыңыз келсин.

- Кел анда алдык эже, - деп Бектемир да көтөрдү.

- Обу жок десе, ала бер да, мени теңтуш кылып албай, - деп инисин урушуп да койду, - Болбосо улуу балам менен тең бу ар-рам, - деп ичип ийип эттен закуска кылып отуруп калды, көпкө отуруп анан кетишти: "Таш, ташты эриткен аш, деген ушул да, аларда барды мен тартып алган жокмун, балдарым барынан унчуга албай калышты, болбосо биерде отургузбай калсын", - деп ойлонуп отуруп калды Кундуз, Тургун Тумарканды киргизип коюп эле бир жакка чыгып кеткен, анын кол телефону чырылдаганда эшикке чыккан…

Шамбеттин "Күкүк" деген кличкасы барын эч кимиси билбейт эле, тапшырманы Артур аркылуу Бүркүт жеткирет, бир күнү ага Бүркүт келиптир, аларды Эмма көрбөйт, эски тамдан жолугуп кете берет, күүгүмдө келген Бүркүттү ары алып барып:

- Кандай тапшырма? - деди.

- Жаанын эки шериги наркотик менен кармалып калыптыр.

- Кайсы райондо экен?

- Свердловск.

- Эмне чара көрүлдүбү?

- Жок "Күкүк" өзү сүйлөшсүн, - деди.

- Беркинисичи?

- Ала келдим, тиешелүүсүн өзүнө калтырсын деди.

- Жарайт, эртең бүтүрөм, жогору жакка чалдыбы?

- Ооба, эртең сизди күтөт.

- Анда бара бер, - деди да пакеттегини алып өзүнүн түрмөдөн келгендеги эски сумкасына салып катып койду. Бүркүт унчукпай машинасына отуруп жүрүп кетти. Эртеси жашыруун ички иштер министрлигине кирип чыкты да түз үйүнө баса берди. Бул эки миң бешинчи жылдын ноябрь айы эле, күн суук, жакындап бери кол телефон колдоно баштаган, эми үйүнө жеткенде Артурдун номери чыкты, - Ало угуп жатам байке, аа-а, бүтүптүрбү, жеттиби балдар? - Ма-акул байке, саламатта болуңуз, - деди да телефонду өчүрдү.

- Ким ал? - деди Эмма.

- Тааныштар эле.

- Ийи, - деп койду бейкапар.

- Келиндериң эмне болду, ойноп жатабы?

- Эртең башташат экен.

- Чек кимге келди, Айнаш тосот.

- Мейли ойной бер, балдар чоңоюп калды, - деп койду Шамбет, - Эмманын эч кимиси жогуна боору ооруп аяп кетчү, ошондуктан аны көңүлү көтөрүлсүн деп тим койду. Себеби тууган-туушканы жок жалгыздыгынан бир өмүрлүк жолдошу катары сыйлачу.

- Миң сом тегеренгиче бир жарым жыл болот экен да, мен онунчу кезекти алдым, - деди Эмма.

- Мейли, эмнеси бар экен, үйдө балдар менен отуруп камыгып деле бүттүң, бир айда бир жолу эс ал.

- Сен капа болбойсуңбу?

- Жок, эмнеге капа болмок элем, балдарымдын апасысың, алтыным десе, сен менин өмүрлүк жарымсың, түбөлүк менин өмүрлүк жарымсың, - деп эркелете бооруна кысып өөп алды, балдар уктадыбы жаркыным?

- Ооба, эбак уктаган.

- Менин эркем, эч кимим жок деп капаланба, мына биз турабыз, сенин элиң, да журтуң да биз, Арген сени өз апасынан кем көрбөйт, Арсен менен Айдин биздин эркебиз, эгерде мен бир жакка кетип жоголуп кетсем сен бул үйдүн ээси, балдардын энеси болуп эл ичинде калышың керек…

- Ал эмне дегениң, сен кайда барасың?

- Балким аяксыз жоголом, сен муну билишиң керек, өзүңө сак бол, балдар үчүн, - деди да кулагына шыбырады, бирөө угуп тургандай сактанып сүйлөдү, болгонун айтты, түшүндүрмөк болду, анткени ал өзүнүн акыркы күндөрүн санап жатып калган, Эмма ыйлады, жалынып жалбарды, ансыз бул өмүр караңгы экенин айтты, бирок тагдырына улутуна баш ийип унчуга албай калды, көптөн кийин гана:

- Сенин ошол байлыгың мага сенчелик рахат алып келеби? - деди соолуктай.

- Бара-бара түшүнөсүң, Арген бул жөнүндө билбесин, балдарым беймаза болбосун, эртедир-кечтир мен силерди таштап кетүүгө мажбурмун…

- Шамбет, мени антип коркутпачы, мен эми гана жалгыздыгымды унутуп, сен үчүн, балдарым үчүн жашай баштаганда.

- Сен түшүнүүң керек, мен ошол жактан эле башымды өлүмгө байлап чыккам, маанилүү ишимди аткардым, сага окшогон жаркылдаган жарды да күттүм, мына бул аймончоктой балдарга ата болдум, эми арманым жок, мен айткан байлык сени өлтүрбөйт, малды күтсөң талашышы мүмкүн, бирок мен сага акчалай калтырдым, - деп келинчегин олбурлуу денеси менен бооруна бекем кысты, - Сен коркпо, мени жоктобо, болгону эстей жүр, бирок денемди үйдүн жанына алып келип таштаганда гана жоктойсуң, - деди токтоо, бирок ошол сөздүн артында арман, өксүк жаткан эле: "Эгерде түрмөгө түшпөгөндө, пашкалардын кулу болуп бербегенде бул нерсе болмок эмес, кокус мажирөө болсом эбак сөөгүм сөпөт болмок, бир максатым өз өчүмдү алдым, аткарылды, далай өлүмгө күбө болдум, күнөөсүз күнөлүү болгонум менен анык баш кесердин өзү болдум, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөй өлөт дегендей дайынсыз жоголгонум абзел, Аргенимди көрбөй каламбы дедим эле, аны адам кылдым, бир гана Эмманы түбөлүк бактылуу кылууга кудуретим жетпеди", - деп оор күрсүнө келинчегин арман толгон жүрөктөгү өкүнүчү менен кыса кучактап турду.

- Сенин ким экениңди билбей турам, жаман түш көрүп жаткандаймын.

- Ооба, сен жаман түш көрүп жатасың.

- Ырас элеби, сен жанымдасың ээ? - Эмма ого бетер ыктады.

- Жаныңдамын жарыгым.

- Түшүм экени ырас болсо экен.

- Укта жаным, бул жөн гана түшүң.

- Сен дагы уктап эс ал.

- Уктап баратам.

- Эртең менен ойготпой эле койчу.

- Макул, ойготпойм жалгызым.

- Эми чындап ишендим, сен жанымда экенсиң, - деп Эмма анын колтугуна ыктай коңуру жытына магдырай көзү жумду. Шамбет жаш балача колтугунда мышыктай бүрүшүп уктап жаткан жаш аялын жыттап коюп оор үшкүрүнүп алды: "Менин зыяным балдарыма тийбесе болду, мен өлбөйм, үч Шамбет бар, үчөө менин тукумумду улаарым, Кадырбайдын урпактары, атамдын атын өчүрбөй журтун ээн калтырбай үй күттүм, уул-кыз күттүм, өзүмөн төмөндү өйдө каратпадым, атымды жаман атты кылбадым, болгону бир жерден жаздым, ага менин өкүнүүгө акым жок, тагдыр-таалайымдын жазганына көнүүдөн башка аргам жок", - деп ойлонуп жатып уйку көрбөдү. Бирок анын күмөнсүүнүн оң жагы дагы бар эле, өз кругунда акталып эркиндикке чыгуусу да мүмкүн болчу, таң эрте туруп балдарын жыттап өөп, аялын көпкө карап турду, ойгоноор түрү жок, кызык уйкуда, акырын эңкейип чекесинен жыттады да дароо чыгып кетти, машинасына отуруп оңду-солду камчыланган атчан сымал ойлору алды кайда сүңгүп ойдун кучагында кетип жатты: "Качканым болбос, балдарга зыяным тийет, акыры бир күнү таап алып тукум курут кылат, ошондуктан өзүм барганым жакшы", - деп ойлонуп кете берди.. . Арген ооруканадан чыккандан кийин орун жок деп тергөөчү болуп иштеп жаткан, жумушу жакшы, уулу чоңоюп калды. Насыйкат бала менен үйдө болуп жатты, Арген өз ишинин устаты боло баштаган, такылдап тактыкты талап кылган жаш адисти жактырбаганы да бар, жактырганы дагы бар. Көптөн бери бир аялдын күйөөсүн жоголгону тууралуу арыз түшкөн, сураштырып келсе айланып эле кайра аялына такалат. Кызыга баштады: "Бир сыр бар, башка жакка кеткен эмес, балдары чоңоюп кеткен соң өздөрү эле калышкан, экөө тең ичет, бир жума мурун күйөөм жок деп арыз менен кайрылган, сураштырса эч ким көргөн эмес, кошо ичип жүргөндөр дагы аны көрүшкөн эмес, башка жакка барчу эмес", - деп ойлонуп Сайкалга барды, ал мурда мугалим болуп иштеген билими бар.

- Эже, бир суроого жооп бериңизчи, ал башка кайда барчу эле?

- Кайдан билем, мага айтып коймок беле? - деди Сайкал көзүн ала качып.

- Болбосо ичип жүргөн адамдарынын бириникине барчу беле?

- Аны билбейм, үйдөн чыгып кетчү, каалаганда келбей талаада калчу.

- Ошондо сиз алып келчү белеңиз?

- Жок, өзү эле келчү.

- Экөөңүздөр үйдөн спирт ичимдигин ишчү белеңиздер?

- Кээде ичип койчубуз, - деген Сайкал жини келип Аргенге карады, - Сен мени тергегенче күйөөмдү тап, эмнеге мени суракка аласың?

- Эже, мен сураштырып көрдүм, ал кийинки күндөрү "досторуна" барбай калган экен, үйдө чыр-чатак көп чыкчу тура, - деди аны көздөрүнө тигиле.

- Ар бир үйдө чыр-чатак болот, бизде эле болуптурбу, ичип келсе урушчумун.

- Корооңузга кирип көрсөм болобу?

- Эмнесин көрөсүң?

- Жөн эле.

- Балким үйгө да кирээрсиң? - деп кекете карап дарбазасын ачып өзү алдыга кирди, - Мусанын жоголгонуна туура он күн болду, аны издегендин ордуна мени суракка алат, - деп алкынып кирди.

- Үйүңүздү дагы көрүүгө жетишебиз, - деп огородун баам сала карап жүрдү, бирок эч кандай шектүү эч нерсе байкалбады: "Бул аял абдан митаам, же менин туюмум алдады, ушул жерден гана табылууга тийиш", - деп ойлонуп үйдү айлана басты, туура жагында короо бар экен, көптөн бери эч кандай мал кармалбаган, чабыралары кыйрайып сынган. Бир кезде ошол короонун ичине кирип баратканда.

- Ошол жакка бекитип койду дейсиңби, сенин үстүңдөн да арыз жазам, күйөөм жоголуп жаман абалда турганыма карабай менден шекшигениң үчүн жооп бересиң, - деп Сайкал жетип келди, - Аякта эмнең бар? - деп көздөрү алаңдай Аргендин алдын тосту.

- Эже, мен сизден шекигеним жок, бизде ушундай тартип бар, балким кирип жатып алып ошол бойдон…

- Он күндөн бери уктап жатат дейсиңби, аякка мал камалчу, киши көрө турган жери жок, - деп киргизбей жатканда уулу менен кызы келип калды.

- Апа, эмне болду, атама эмне болду?

- Атаңа эмне болгонун кайдан билем, ичип алып бир жерде жүргөндүр… - деп Сайкал жактырбай жооп берди, - Мына бу тергөөчү биякты текшерип жатат.

- Саламатсызбы? - деди уулу Сагынбек.

- Салам, - Арген бери басып келди, аялды ажылдаткысы келбеди, - Силер шаарда турасыңарбы?

- Ооба, шаарда турабыз.

- Силерге барчу беле?

- Шаарда өмүрү болгон эмес.

- Башка туугандарына барчу эмес беле?

- Туугандары ушул эле жерде.

- Биерде өздөрү эле турчубу?

- Ооба, экөө эле турат.

- Экөө тең ичкенин билчү белеңер?

- Биздин ичкенибиз менен ишиңер канча, силердин милдетиңер жоголгонду табуу! - деп Сайкал дагы алкынды, - Менин күйөөмдүн өлүү же тирүүсүн таап бергиле!

- Апа, мейли сурасын, - Сагынбек Аргенди карады, - Кээде ичип коюшканын билебиз.

- Урушчу беле?

- Ооба, кээде…

- Демек бирге жашабагандан кийин жакшы билбейсиңер, бала кезде ишчү беле апаңар?

- Жо-ок, мектепте иштечү, ишчү эмес.

- Макул анда, - деп Арген аерден чыгып коңшуларынан сураштырды.

- Сиздер акыркы жолу Муса Эгембердиевди көргөнүңүздөрдү айта аласыздарбы?

- Көп эле болуп калды, өзү сыртка чыкпай калган, аялы аны сабап да койчу, ал ичмейинче тура албай калган, - деди жанаша коңшусу.

- Акыркы жолу көрдүңүз беле?

- Токто-токто, он күн мурун Сайкалдын бакырып өкүрүп жатканы укканбыз, өздөрү тээ көп жылдан бери уруш-талаш менен жашап калышкан.

- Аялы да ичеби?

- Ичпей анан.

- Демек эч жакка чыкчу эмес.

- Ооба, чыкпай калган, Сайкал чыгып арак алып киргенин көрчүмүн, тиги дүкөндөн сурачы балам, ошол дагы билет.

- Жакшы калыңыз, рахмат сизге, - Арген андан ары дүкөнгө кирди.

- Сизге бир-эки мүнөткө мүмкүнбү?

- Угуп жатам.

- Бул жердеги Муса деген адам жоголгонун билесизби?

- Ошондой деп жатышат го?

- Ал жөнүндө билесизби?

- Эмне десем, көп ишчү, аракты дайыма карызга алып, пенсиясы тийгенде берчү.

- Өзү келчү беле же аялыбы?

- Көптөн бери аялы эле келет.

- Акыркы жолу качан көрдүңүз эле?

- Бир айдан өттү го, баса албай калды деп айткан.

- Ооруганбы?

- Билбейт экенмин, күндө эки маал арак алып кетчү, - дегенде дүкөнгө келген бирөө сөзгө кошулду.



- Ой ал Сайкалга күн көргөзчү эмес, жашынан эле иштеп жүрсө кызганып сабап жатып калчу, жаш күнүнөн арак ичкен неме болчу.

- Аа-а, жакшы калыңыздар, - деген Арген дүкөндөн чыгып бөлүмгө келди, начальниги ордунда экен:

- Иш кандай, - деди ал, - Илинчек табылдыбы?

- Келип эле аялына такалып жатат, баардык сыр аялындабы деп ойлойм.

- Кандайча, ыйлап арыз жазып келбеди беле?

- Бет капчандар көп да шеф, эч жакка чыккан эмес.

- Байка, шектенүүң куруу бекер болбосун.

- Көрөбүз го, баары бир ушунун артынан бир нерсе табам.

- Жолуң болсун.

- Рахмат, сизге бир сунуш айтайын дедим эле.

- Айта бер.

- Короосунда шектүү нерсе бар, ал аял ага киргизбей койду.

- Эмне деп?

- Аякта эч нерсе жок деп жаман болуп кетти, жалгыз бара албайм, экөөнү кошуп берсеңиз ошол короонун ичин тинтип көрүш керек.

- Уят болбойбузбу?

- Жок, шегим бар.

- Анда эртең баргыла.

- Сизге рахмат, - деп Арген бөлүмдөн чыгып үйүнө жөнөдү, кардынын ачканын сезбеди, ал келгенде Насыйкат уулун жуунтуп жаткан.

- Оо, уулум жуунуп жатабы?

- Ооба, кирдеп кетиптир, ишиң кандай?

- Кыйын, өтө оор, башымды катырып жатат, менин күмөнүм аялында болуп жатат, кыскасы кызык окуя, кантип күйөөсүн өлтүрүшү мүмкүн?

- Башка жактан эле издесеңчи, уят болуп жүрбө?

- Уят болбойм, бир жигин таап чыгам, кардым ачты алтышка, тамак барбы?

- Даяр, баланы кийинте коеюн, - деп Насыйкат баласын кийинтип болуп Аргенге берди, - Бар атаңа уулум.

- Кана берчи баламды, - Арген уулун көтөрүп өөп эркелетип жатты, - Алтыны го, атасынын баласы го, эркеси го?

- Ошончо жакшы көрбө, ата-эненин киринеси кирсе чыкпайт имиш.

- Койчу, кантип менин киринем кирсин, жакшы көрсөм деле кирине болобу?

- Ошентип апам айтчу.

- Кой уулумду менден кызганба, - деп Арген күлө дасторконго келип отурду, тамагын ичип алып ички бөлмөгө кирип эс алмак болду. Көз алдында алдын тозгон Сайкалдын бозоруп кеткен жүзү, көздөрү бир нерседен корккондой алаңдап турганы, сыр билгизгиси келбей өктөм сүйлөгөнү шекшинүүсүн күчөттү: "Жо-ок, эртең десем кеч калам, ал аял түнү менен башка жакка жашырганга үлгүрсөчү, мен калп болуп уятка калам, ишимдин жогорулаганы эмес ишимдин тактыгын көрсөтүшүм керек", - деп дароо чыгып машинасына отуруп алып дагы ойлонуп жатты. Күүгүмдө барып короосунун жанында күтмөк болду: "Бир шек билинсе группаны чакыра коем", - деп ойлоп күүгүм кирип баратканда короонун четине барып эшиги көрүнгөн жерге токтотту. Улам көзү илинип кетип кайра карап отуруп түн жарымы болгондо короо ачылып бир караан тачка сүйрөп алып жолго түшүп жөнөдү, Аргендин жүрөгү болк этип алды: "Мына сага, дал ушул мүнөттө кармаш керек", - деп түнкү группаны дарек боюнча чакырып өзү караандын артынан жөө жөнөдү, тачка сүйрөгөн караан көчөнүн четине барып бир көчөдөн бурулду да таштанды төгүлгөн жерге барды, эки жагын каранып алып тачканы коңторуп ийди да артына кайрылды, Арген калдастай даракка жашынып калды. Жанынан өтүп бараткан аялдан калчылдап коркуп кетти, ал көзүнө киши өлтүргүчтүн өзү болуп көрүндү, бир кезде телефону чырылдап келгендерин билдиришти, тезирээк Сайкалдын артынан акмалап келе жатканда милициянын машиналары алдынан чыкканда аял далбастап жүгүрүп короого кирип кеткенге аракет кылды эле:

- Токто, атып салам, ордуңдан жылба! - деди Арген артынан.

- Ким, - деп артына бурулду да Аргендин үнүн тааный коюп булкулду, - Сен мени артымдан аңдып жүрөсүңбү? - деди кекете.

- Ордуңдан жылба! - деп үч-төрт милиция келип аялды кармап калышты.

- Эмне болду? Мени эмне кылып жатасыңар? - Жулкунуп жатты.

- Азыр тачка менен эмне алып бардың? - деди Арген.

- Мусур, аны эмнеге сурайсың?

- Күндүз таштаса болбойбу?

- Ал өз ишим.

- Кана таштандыга айда, - деди Арген, мен алдыга түшөм, - деди да машинасына отуруп алдыга айдады. Таштандыга келгенде Сайкал: "Болду, эми ачыкка чыкты, жашырып не кылам", - деген ойго келди да:

- Ооба, мен күйөөмдү өлтүргөмүн, - деди башын жерге сала. Дароо тез жардам чакырып өлүктү салып кетти, Сайкалды убактылуу камоочу жайга алып барып камап койду. Ошентип Арген тергөөчүлүк ишин ийгиликтүү аяктады. Өз ишине берилип, жан дили менен иштеп жатты. Шамбет жаңылышпаган экен, аны башка бири саткан болуп чыкты, акыры ал он күндөн кийин үйүнө кайтып келди. Эмманын кубанычын айтпа, ойлонуп жүдөй түшүптүр. Кыса кучакташып көпкө турушту. Жашоо кайрадан уланып жай турмуш өтө берди. Аргендин уулунун тушоо тоюн өткөрмөк болуп катуу камынышты кудаларын чакырып кадимкидей чоң той өткөрдү Арген, бир туугандары, баары чогулуп тойдо отурушту.

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз