Айгүл ШАРШЕН


"Эне жүрөгү"


Мен турмуштун ачуу-таттуусун татып, өмүрүмдөгү эң кызык балалык учурду ур токмок, жеме менен өткөрсөм дагы жашоонун жакшы күндөрү алга карай үндөп жакшылыктын жышаанасы бет алдымдан күлүмсүрөп тосуп алчудай сезилет. Мен жалгыз эмес карындашым Асел экөөбүз тең азаптуу күндөрдү өткөрдүк. Эмесе түшүнүктүү болушу үчүн башынан баштайын…

Мээримди айылдык мектепти бүтөөрү менен эле ала качып кетип коңшу айылга келин болуп барды. Толубай чынында турмушка кайдыгер караган эптеп күн өтсө күн кечире берчү айылдык жигит эле, алдыга койгон максаты жок адамга карды ток, кийими бүтүн болсо өмүр билинбей өтө берет эмеспи. Мээрим келген жерине жакшы келин болууга тырышты, ата-энелери ызаат-сыйын жасашып тынып-тынчып калышты. Бир күнү Мээрим кош кабат болгондуктан үйдө кусуп жатып калды. Эшиктен ала-гүү келген Толубай:

- Сен эмнеге жатып алдың, эшикте апам иш кылып жүрөт? - деп үңүрөңдөй кетти.

- Көңүлүм айнып жатат.

- Эмне болду эле?

- Эчтеке.

- Келгениңе эки ай болбой жатып кыялыңды көрсөткүң келеби, тур барып апама жардам бер!

- Ооруп жатам, тим койчу бир аз.

- Кандай эле, тур апам кейип жатат, - деп үстүндөгү жамынган төшөктү силке колунан тартты, - Бол тур!

- Толубай, койчу эми кыйнабачы, Мээрим ыйламсырап ийди, ошол убакта кайненеси Азимбү кирди.

- Силерге эмне болду?

- Апа, мен ооруп турам, Толубай иш кыл деп жатат.

- Тим кой, ооруп жатса бир аз жатсын.

- Өзүң кейип-кепчип жатасың го?

- Капырай, сүйлөсө да болбойбу, эми сүйлөбөй койдум, - Азимбү кайра сыртка чыгып кетип калды.

- Сен жакшы аял боло албайсың, - деп тултуңдап Толубай дагы чыгып кетип калганда Мээрим көпкө жатып анан эшикке чыгып кылдырап жумушун жасап кирди, улам окшуп отура калып жатып кечки тамагын жасады.


- Мээрим, сенин ашказаның ооручу эмес беле? - деп сурады Азимбү келинин сырдуу карап.

- Жо-ок.

- Эртең доктурга алып барып келейинчи.

- Эмнеге апа?

- Ооруп жатсаң көргөзөйүн.

- Жөн эле коюңуз, жакшы болуп кетет.

- Кой, оору көбөйүп кетпесин, - дегени менен оюнда келинин кош бойлуу экенин сезип турду: "Буйруса неберелүү болот экенмин, аман-эсен төрөп алсын", - деп ойлонуп калды. Убакыт өтүп Мээримдин боюнда бар экенин билген соң Толубай кубанып аялына үйрүлүп-түшүп калды. Айы күнү жетип Мээрим уул төрөдү, уулдуу болгонго дердеңдеп достору менен ичип алып ала-гүү болуп келет, жаш төрөгөн келин баласы менен алпурушуп кыйналып, кысталып ооруп да жүрдү. Баягы келинине сүйлөбөгөн Азимбүнүн бара-бара сөзү чыгып кыңкыстап жата калып баласын араң караган Мээримге асыла баштады.

- Төрөп түшүп эле жаныбыз тынбай иш кылып жүрдүк эле, Манас тууп койгонсуп эле жатат, ай келин карачы жалаяктарыңды жуусаң боло ботом, илээнди неме болдуң го кокуй, иритип-чиритип үйүп койбой, - деп эшиктен баш бакты да кайра тарс эттире жаап чыгып кетти.

- Ай кудай ай, деги тажап да кеттим, ушундан көрө күйөөгө тийбей эле тынч жашаган жакшы экен, - деп ыйлап алды Мээрим, ал ыйлап жатканда эшик ачылып өз апасы менен кайненеси кобурашып кирип келишти.

- Келгениң жакшы болбодубу кудагый, Мээрим төрөгөндөн бери оңоло албай жатат, - деп Азимбү жойпулана кетти, - Төргө өт кудагый.

- Ээ кызым эмне болуп ооруп жатасың, доктурга көрсөтсөм окшойт, бүгүн алып барайын ээ кудагый?

- Мейли, өзүң алып барып көрчү, - деди дагы артына бурула мурдун чүйрүп чыгып барып заматта өзгөрүлө дасторкон көтөрүп кирди, - Балдарыңды бактылуу эле болсо дейсиң да, оорубай сыркабай жүрүшсө экен, - деп чай коймок болгондо Зыйнат:

- Мээрим, кудагыйды убара кылбай өзүң кыймылда кызым, - деди.

- Кой жата берсин, жакшылап тыңып алсын деп эле козгобойм, төрөп түшкөн неме кыйналып калса керек, тунгуч эмеспи.

- Мен эле алып келем апа, - деп Мээрим өйдө туруп ашкана тамына кирди. Ашканасында кемеге, отундар чачылып көргөн жанды ирээнжитип ийээр ирээтсиздик бар эле. Эмне кылат, айылдык турмушка көнгөн, кайненеси жагып койгон отунду ичкертип кайнаган сууну чайнекке куюп алды да үйгө кирип келе жатканда Толубай алдынан чыкты, өтө кызуу экен.

- Оо оорубай калдыңбы? - деп ал дароо эле тийише сүйлөдү.

- Болдучу, апамдар бар үйдө.

- Эмне апаң келдиби?

- Ооба.

- Ошондой, эмнеге машкедей шимшиңдеп калган десе.

- Эмне кылдым, же мен үчүн кыйналып жатасыңбы?

- Болду, - Мээрим жини келе кирип кетти.

- Эй, эй Мээрим!

- Толубай, сага эмне болгон? - деп Азимбү чыга калды.

- Эчтеке, - Толубай кайсаңдай артына бурулду, ал өзүнүн кызуу экенин көрсөткүсү келбегени белгилүү эле.

- Кудай урган бала болдуң го, дагы ичип алдыңбы?

- Апа, балдар менен бир аз ичип койдум…

- Сенин бир аз ичкениң көбөйүп баратат го, үйдө кудагый бар, ал эмне деп ойлойт, уялсаң боло? - деп кейий кайра ичке кирди Азимбү. Толубай кайра короодон чыгып кетип калды, - Азыркы балдар балалуу болдум деп ичип эле жатып калышат экен ботом, илгери андай эмес эле, ата-эненин көзүнчө балаңды эмгизгенден уялсаң, күйөөң баланы колуна алуудан тартынчу эмес беле, эми менин балам деп эле үз-зүлүп түшүп калышат.

- Анан эмне, адамдар менен заман өзгөрүп баратпайбы.

- Өзгөргөнү курусун, Темиркул байкуш керээлден кечке жандыкты кайтаруу менен алек, баласы балалуу болдум деп ичип жүрөт.

- Ээ кудагый, аны өзүбүз ошондой көндүргөнбүз да, кимден көрөт элек? - деди Зыйнат сумсая түшүп, анткени анын дагы баласы аялын кетирип, достору менен ойноп-күлүп ичип коюп үйлөнбөй жүргөн.

- Ооба-ооба десең, баланы жашынан деген туура экен да, атасы дегеле буларга иш кылдырып көрбөгөн, өзү эле жүрө берет, - деп шыпшынып алды Азимбү, - Чайдан ичсең кудагый.

- Ичтим, мен Мээримди доктурга алып барып келейинчи.

- Ээ мейли анда, силер келгенче мен тамак жасай берейин.

- Биз баралы, мен ошондой ары эле бара берейин.

- Кой кокуй ошо кантип болсун, кайра келип кет.

- Доктурдун айтканын карайлы, - деп Мээримди ээрчите үйдөн чыгышты, алар медпунктка келип кезек күтүп отуруп анан кирип Мээрим өзү кирип көрүнүп чыкты, Зыйнат кошо кирейин деди эле врач болбой койду.

- Апа, жүрү кеттик, - деп Мээрим апасына кайрылды.

- Көрүндүңбү, эмне дейт?

- Жатышың керек деди, мен жаш балам бар десем сырттан дарыланып көр, болбосо жатышың керек деди.

- Дары жазып бердиби?

- Ооба, үйдөн алганга укол, дары жазып берди.

- Мейли, кетели анда, - деп Зыйнат алдыга чыга жөнөп тез эле үйүнө келишти, Азимбү күйпөлөктөп казанга тамак жасап жаткан экен, кудагыйы менен келинин көрүп терин аарчый басып келди.

- Көрүндүңбү балам?

- Ооба, - Мээрим кабак бүркөй ичкери кирип кетти.

- Оорусу оңой эмес окшойт, жатасың дептир, баласын айтып сырттан дарыланып көр дептир.

- Кудай сактай көр, укол-дарыны алганга дагы акча керек экен да.

- Ботом, анда мен үйгө алып кетейин.

- Ошону айтып жатпайынбы, Темиркул келсе сүйлөшүп эле мал сатпасак, тыйын-тыпыр жок, - деп Азимбү таптакыр эле сыйпаланып калды, - Кир кудагый үйгө, тамак даяр болуп калды, эптеп бир жолун табаарбыз.

- Ичтим, андан көрө күндүн эртесинде үйгө жетип алалы, Мээримди үйгө эле алып кетейин, жакшы болуп кетсе анан келээр, - Зыйнат кудагыйын жактырбагандай чыртыя кызына кайрылды, - Кийинип баланы ал, эртерээк кетели.

- Кудагый, отуруп тамактан ичип анан жөнөгүлө, - Азимбү чыйпылыктап ийди, - Капырай кудагый, кир үйгө, Мээрим кир де балам кудагыйды, - деп Мээримге карады, алар ичке кирип эми алдыга тамак келгенде Темиркул кирди.

- Оо келгиле кудагый, - деп учурашып отуруп калды.

- Келдик куда, күүлүү-күчтүү жүрөсүңөрбү?

- Жакшы-жакшы, куда жакшы жүрөбү?

- Кудайга шүгүр, кудаңыз жүрөт.

- Жөн-жай эле келдиңиз беле?

- Ооба, неберени көрүп, бешиги даяр болуп калды, алып келе берейин деп айтайын дегемин, Мээрим ооруп жаткан экен, үйгө алып барып дарылатайын деп калдым.

- Эмне дейт, келин ооруп жатабы? - Темиркул аялын карады.

- Эки-үч күндөн бери эле сыркоолоп жаткан, - деп Азимбү күйөөсүнө күнөөлүүдөй карап айтып берди.

- Акча табылат, эмнеге кудагый алып кетет, өзүбүз эле дарылатабыз.

- Ооба-ооба, мен сен келгенде кеңешейин дегем.

- Толубай кайда жүрөт?

- Келип калаар…

- Бу кандай, үй-бүлөө дегенди билбей жүрө береби?

- Кайдан билейин, жүргөндүр да, иштеген иши болбосо…

- Мейли анда келип калаар, кана балам, доктур жазган үкөлдөрүңдү мага бер, аптээктен өзүм алып келип берем, - деди Темиркул келинине кайрылып, - Бу коңшу келин доктур го, ошону салып тур дейин, - деген Темиркул маселени чечип койду.

- Мен деле ошону айттым капырай, бул үйдө өзүң балдарың менен эле чечесиң го? - Азимбү купшуңдай идиштерин жыйнаштырган болуп калды.

- Жаш баласы менен айылчылаганы болбойт, кудагый менен куда балдарды бакты, эми биздин неберелерди да бакмакпы, кой кудагый капаланбай бара бер, өз бүлөөбүздү өзүбүз карайбыз, - деди Темиркул.

- Мейли куда, кеч кирип баратат, мен барайын, - Зыйнат ордунан туруп жөнөмөк болду, Азимбү узатып чыкты, - Мейли кудагый мен бир-эки күндүн ичинде келип кетем, бешикти качан алып келейин?

- Кудаң менен кеңешип көрөйүн, Толубайдан айтып ийебиз.

- Макул бара берейин, эртерээк кабар кылгыла, - деди да Зыйнат үйүн көздөй жөнөдү, Мээрим такыр тура албай калды, бөйрөккө суук тийген экен, укол-дарыны алып келип үйдөн дарылатып жатышты, ага болбой кыйналганда гана ооруканага жаткырышты, бир ай жатып дарылангандан кийин сакайып үйүнө чыгып келди, Аскат чоңоюп эки жакты карап калган, Зыйнат эки кызы, келини менен эжеси болуп бешигин алып келип кетишти, Толубай жумуштун жогунан колоктоп бош жүрүп баласы эки жаш болгондо экинчисин төрөп кызынын атын Асел коюшту. Мээрим чынында өтө илээнди келин болду, балдарынын кир-когун үйүп коюп кечке отура берет, же коңшу келиндер менен сүйлөшүп жүрүп алат, Азимбү аны урушуп кээде баласын алып отуруп кир жуудурат.

- Жаш келин сендей болобу, таза кармабайсыңбы? - деди бир күнү.

- Бала ыйлап жатса эмне кылайын?

- Бала ыйлайт, кайра сооронот, ошону үчүн бала, жаман аялдын эки колун тең байлайм, жакшы аялдын бир колун байлайм деген имиш.

- Болсо боло берсин, кылып эле жатпайынбы? - деп Мээрим тултуңдай ары басты.

- Эл кеп кылат, бир этегин үзө басып, бир этегин жаза баскан келиниң бар десе мага деле уял да.

- Койчу эй апа, жөн эле сүйлөй бересизби? - деп жактырбай кекетип мокотуп, казан-аягын калдыратып кирди.

- Ээ кокуй күн, жетеңден урган неме экенсиң, - деп Азимбү дагы туруп кетти, ошол күнү Толубай үйгө дердеңдеп жетип келди, Мээрим тамак жасап казанда жүргөн.

- Мээрим, мен Бишкекке иштегени кетип жатам.

- Эмнеге?

- Иштеп келем, балдарымды бакпайынбы?

- Анда чогуу кетпейлиби? - деди Мээрим андан ажырап калаарын билгендей.

- Азыр өзүм барып иш таап алайын, анан атамдар макул болсо алып кетем.

- Канча убакта келесиң анан?

- Бир-эки айда орун алып калаармын.

- Ошого чейин мен жүрө беремби?

- Балдарды карайсың да.

- Кайда жөнөгөнү жатасың? - деп Азимбү алардын сөзүн угуп басып келди.

- Апа, мен Бишкекке иштеп келейин деп жатам.

- Колуңда сокур тыйының жок кантип иштейсиң?

- Балдар алып кетебиз деди, иш көп дейт.

- Жолуңачы?

- Машина бар, жакшы иштеп калсам акча салып турам, ал жакта стройка көп деп жатат, - деген Толубай эми эле барып ишке орношчудай болуп айтып Мээримдин кошо кетем дегенин апасы укпады бекен дегендей: "Мээримди ала кетем десем урушат", - деп ойлонуп акча салып турам деп койгонуна кубанды.

- Атаң макул болобу? - Азимбү уулун сынай карады.

- Эмнеге, элдин баары эле иштеп жүрбөйбү?

- Ушул айылда иштеп жарытпайсың, же бир үйгө кол кабыш кылганың жок, бөтөн эл бөтөн жерде кайсыны кыйратаар экенсиң балам, кудай деп эле үйдө жүрө берсеңчи, андан көрө малды көбөйт, элчилеп соода кыл, балдарыңды кара, экинин атасы болдуң, кудай аман койсо Мээрим дагы да төрөйт, колубузда калчу силерсиңер го? - деп ары басты Азимбү, ал Мээримдин сөзүн уккан, шаарга экөө тең кетип калышса үйдө экөөбүз эле кала беребизби деген ойдо балдарына нааразы болуп турду. Анткени анын үч баласы тең ар жакта же иштен жок, же үй-жайы жок батирлерде үй-бүлөөсүн эптеп багып жашап жатышат, эки кызы турмушта, кээ-кээде келип кетишет, бир үйдө кары кемпир чалдын калышы чынында аянычтуу эле эмеспи. Ошентип Толубай ары тартышып, бери тартышып жатып шаарга кете берди, анын иштеген-иштебегени белгисиз, эки жылдан өтсө дагы кабар болбоду, Мээрим эки баласын ээрчитип төркүнүнө барып ата-энесине эки баланы таштап коюп курбу кыздары менен көңүл ачып эрте кетип, кеч келип жүрө берди.

Зыйнат картайганда жаш балдарды карап-бакканга зээни кейип кээде түн катып келген кызына кейип кепчип, урушуп тилдеп калат.

- Сенде такыр уят калган эмес тура, күйөөң келсе эмне деп жооп бересиң ыя? - деди бир жолу.

- Ал келбейт, келсе эмдигиче келмек.

- Келбейт деп ушу жүргөнүң жакшыбы?

- Эмне кылып жатам, кыздар менен эле жүрөм го?

- Ал кандай кыздар, түнү бою жүрө берген?

- Сүйлөшүп эле отурабыз.

- Эсиң барда этегиңди жый, балдарыңдын кир-когун карыганда мен жууй албайм, мени карыганда кыйнадың го?

- Аларды жеткирип берем, - деп тултуң этти Мээрим.

- Бага албасаң жеткирип бер, балаң бейбаш, Урмат мас болгон күнү өлтүрүп коет, - деди Зыйнат.

- Өлтүрбөйт, өлтүрүп эле эмне?

- Эй кыз, анын жинин билбейсиңби, күндөп-түндөп жүргөнүңдү билсе сени дагы өлтүрөт.

- Койчу апа, ушуларды баккың келбей эле ушинтип жатасыңбы? - деп Мээрим жинденип, тултуңдап сыртка чыгып кетип ошол бойдон кирбеди, Зыйнат сары санаа болуп түнү бою кирпик ирмеген жок: "Курган кыз, кандай жолго түштүң, кокус күйөөң укса эмне дээр экен, кудалар уксачы, аттиң баланы төрөп багат экенсиң, кыял-жоругу менен жүрөк оорутуп кетишет, эне деген балага татыктуу эне, күйөөсүнө жаркылдаган жар болуп бир үй-бүлөөсүн жакшына кылып күтсө гана үй-бүлөө деген бекем болот, ушуларды кандай гана кылып бакпадым, ооруп калса түн уйкумду кечип карегимди албай жаратканга жалынып жүрүп чоңойтподум беле, эми минтип картайганымда сөзүмдү укпай басып кетип азапка салганын кара", - деп ойлонуп жатып көзү илинип кеткен экен эшиги карс деп ачылып сырттан кызуу болуп баласы киргенде чоочуп ойгонуп кетти:

- Мамашка, Мамашка дейм!

- Эмне болуп кетти? - Зыйнат онтолой ордунан туруп чыга калды.

- Тамак барбы, курсак ачты?

- Тигинде турат, жылытып ич.

- Мени токко урунуп өлсүн дейсиңби, өзүң жылытып берчи мамашка, - деп Урмат чалкасынан жатып калды.

- Деги кылган ишиң жок, тапкан акчаң жок эмне деген баласың ыя, мен сага түндөсү туруп тамак бергидей жаш келин белем, ушинтип жүргөнчө аял албайсыңбы? - деди Зыйнат ачуулана, - Атаң тирүү болсо да мейли эле, мени кууратып ийдиңер го деги?

- Жанагы кызың кайда кеткен?

- Ал кайнатасыныкына кетти, - деп эне бечара жашырып койду, - Күйөөсүнөн кабар алсын.

- Балдарын алып ошол жакка кетсин, эмне кылып жүрөт бул жерде? - деп башын көтөрө апасын карады.

- Күйөөсү келсе кетет да, сен жокто мага караан…

- Мен күндө эле үйдөмүн го?

- Керээлден кечке жоголуп таңга маал келесиң, мен жалгыз жатам го үйдө ыя, менин өлгөнүм менен дагы ишиң жок, - Эне ыйлап ысыган тамакты чыныга куюп Урматтын алдына койду, - Ич дагы жатып укта, качан гана силерден көөнүм тынып балпайып белен ашка отураар экенмин, өмүр бою силерден мээнет тартып келе жатам го?

- Шашпа, өзүм сени бөпөлөп багам, - деп Урмат тамакты шалпылдата ичип жатты, ошол убакта кыңайта ачылып турган эшиктен Мээрим кирди, чыныны алдына коюп сыртка кулак түрдү Урмат, Зыйнат сыртка колун жаңсай оозун кымтып: "Көрүнбө, Урмат бар", - деп ымдаганына карабай энөөлүгүн карматып Мээрим кирип келди:

- Ийи, кайнатаңдар жакшы жатыптырбы? - деп оозуна сурап жиберди Зыйнат.

- Эмне, мен аны каяктан билем? - деп делдээ балдары жаткан жакка өтмөк болгондо Урмат.

- Кыз болбой кара жерге кир десе, кайда жүрөсүң ыя? - деп бакырды эле Аскат менен Асел ойгонуп кетти.

- Мен эмне кылдым сага, ичкен арагыңды билчи! - деп Мээрим ыйлаган балдарынын жанына жетти, экөө удаа, ошондуктан көп кайым айтыша берчү, - Балдардын эсин чыгарасың.

- Сенин кайда жүргөнүңдү жакшы билем, экинчи үйдөн чыксаң өз колум менен өлтүрөм, апам сени жашырып кайнатаңдыкына кетти дегенде эле билгемин, - деди да кайра жатып калды. Ал бүгүн ал жөнүндө угуп келген болчу. Бир айыл болгондон кийин бат эле бирине-бирине угулуп калат эмеспи, анын үстүнө бойдоктор сөз көптүрүп жүз граммдан уруп алгандан кийин балп эттире айтып салат, анан уруш талаш чыгат, бул көнүмүш жашоодогу нерсе, Мээрим унчукпай жатып калды, бирок ал токтоно албай турган болуп калган, өзү менен теңтуш келин кыздар чогулуп алып жигиттерди кошуп алып түнү бою ичип, ырдап ойноп күлүшөт.

Ошентип Мээрим жаштыктын доорун сүрүп апасынын какшанып акыл-насаат айтканына карабай жүргөндө Толубай шаарда өзүнө окшогон жумушсуздар менен иштеп коюп, жумуш жокто тапканын ичип алып эптеп күн өткөрүп жүрө берди. Үйүн ойлогондо токтогусу жок, бирок куру кол баргандан намыстанып жүрүп бир келин менен таанышып калды. Наргиза ар кайсы жерде иштеп орун таба албай акыры бир цехке орношкон эле, жаш кыз башкарган булочный цехте көп кыз-келиндер иштешет, жумуштан кийин мамилелери жакшы болуп, сырдашып калган Алиман экөө көчөгө чыгып площадга барып көңүл ачмак болушту, анткени ошол күнү айлык алышкан болчу. Экөө аянтка келип бал муздак жеп, бирдемелерди сүйлөшүп күлүп келе жатышса Алиман бир классташы жолугуп калды. Үчөө таанышып сүйлөшүп туруп анан эртең жолукмак болуп коштошушту, бул Толубай менен бирге иштей калып бош болгондо бири-бирине жардам бере коюп, жатаканада да чогуу жашашчу, ошол күнү Толубай батирде эс алам деп калып калган. Эрмат Алиманын классташы, ары коңшу турушчу. Эртеси Наргиза менен Алима жасана кийинип алышып аянтка келишти, бал муздак жеп эки жакты карана күлүп сүйлөшүп турушканда:

- Кандай кыздар? - деп арт жагынан үн угулду, бурула берген эки келин аларды көрүп кымырына жылмайып калышты.

- Келдиңби? - Алима классташына карады.

- Жалгыз келген жокмун, досум менен келдим.

- Саламатсыңарбы кыздар? - деп Толубай келиндерге жылмайып койду.

- Жакшы өзүңүз? - дешти Алима менен Наргиза.

- Таанышып койгула, бул менин досум, аты Толубай.

- Наргиза.

- Алима.

- Жакшы, таанышып алдык, мындай баспайлыбы? - деп Эрмат аларды карады, - Кыздарды сыйлап дегендей.

- Болду-болду, кыздарды сыйлабай анан, - Толубай дагы жылмая карап катарлаша басып солдаттарды көздөй жөнөштү.

- Алима, кандайсың анан, иштеп жатасыңбы? - Эрмат Алиманы жандай басты, Толубай Наргиза менен катар кетип жаткан, - Күйөөгө чыга элексиңби? - деп тамашалай күлүп калды.

- Күйөөгө тиймек турсун чыккам.

- Койчу?

- Чын айтам, кадырыма жетпесин билген соң кете бердим.

- Ой кыздар-кыздар, укмуш элесиңер да, эмнеге тийесиң анан?

- Ала качып кеткен.

- Отурбай койбойт белең?

- Кыргыздын кемпир-чалдары отурбаган оюңа коебу?

- Ошондой экен да, а мен болсо алигиче бойдокмун.

- Неге, үйлөнгөн жоксуңбу?

- Кыздарга жакпай койдум го? - Эрмат купшуңдап койду.

- Кантип эле, далай эле кызды ашык кылдың эле го?

- Алардын баары күйөөгө тийип кеткен, сен болсо мени карабай шаарга баса бердиң, эгерде байлыгым болгондо сен дагы качпайт элең туурабы, - Күлүп, - Чынын айтсам үйлөнгөм, бир балам бар, - деди.

- Эрмат, жокту сүйлөбөчү, сен мени, мен сени сүйө турган деле болгон жокпуз го, анан дагы сен менин таежемдин кайнисинин баласы болсоң, болмок эмес да.

- Алимаа-Алима, мен сени сүйчүмүн, биздин колубузда жогунан эле тартынып сага сөз айткан эмесмин, а сен байдын кызысың, тоготмок эмессиң да туурабы? - деп Эрмат анын алдын тосуп экөө талашып тартышып жатканда Толубай менен Наргиза өздөрүнчө таанышып, сүйлөшүп келе жатышты:

- Наргиза, кайда иштейсиң? - деди Толубай келинден буркурап жыттуу атырдын келип жатканына магдырай ыктап.

- Иши кылса жан бакканга жарайт, ак үйдө иштебейм.

- Деги айтам да, ак үйдөгүлөр менен таанышуу бизге буйрубагандыр…

- Неге, жигит өзүн пас кылбашы керек го?

- Жумуш таппай жүргөндө көтөрүлмөк кайда?

- Жумуш таппай жүрөсүзбү?

- Ооба, эки жыл болду келгениме, аялым менен эки балам бар, алардын эмне болгонун билбейм, ата-энеме кыйын болду го?

- Кетип калбайт белеңиз?

- Кантип, иштеп тапкан акчам жок…

- Ошонуңуз жаман экен, куру намыс баш жарат деген.

- Туура, куру намыстан айылга кете албай жүрөм.

- Кой биз кеч калбай кетишибиз керек, эртең эрте кайра жумуш.

- Тура турсаң Наргиза.

- Турганда эмне, - деп Наргиза Алималарды көздөй басты.

- Ой биз кетели, - деп Алима дагы Наргизага кайрылды, - Кеттикпи?

- Кеч болуп кетти, кетишибиз керек.

- Мына баратам, - деп шыпылдай баскан Алиман жете келди, Эрмат менен Толубай аларды маршрутка токтоочу аялдамага чейин алып келип коштошуп кала беришти. Чөнтөктөрүндө акчасы жок аларга эч нерсе кыла албагандарына өкүнүшкөнү менен өздөрүнчө күлүп жатышты.

- Ой, жакшы дагы алаксытып койдуң, чөнтөгүң куру болсо жаман экен да, - деп Толубай каткырып калды.

- Ошону үчүн сүйлөшкөн болуп басып кеттим да, сени жакшылап таанышып алсын деп, эки жылдан бери аялыңдан алыс болуп заарың башыңан чыгып кеткен жокпу? - Эрмат аны ийинге чаап койду, - Дурус эле келин бекен?

- Жаман эмес, токтоо көрүнөт.

- Ошондуктан сага тааныштырдым да.

- Бизге жакты, бизди жактырабы алар, жумушсуз болсок, чөнтөк куру жалак болсо сүйлөй албайт дагы экенсиң, - деп Толубай ойлонуп калды, ал аялын эстеди ушул кезде, сөздүн маанисине түшүнүп түшүнбөй сүйлөп, кээде оюна келгенди жасап, өзүн дагы таза алып жүрө албаган Мээримди көз алдына келтирип алды: "Наргиза токтоо келин экен, сүйлөгөн сөзү да орундуу, эгерде мен жактырып калдым десем макул болбойт го, эмнеге ага аялымдын бар экенин аттым экен, унчукпай эле койбой, тил табышып кетсек көрөт элем да", - деп ойлонуп алды ичинен.

- Эй, сен эмнени ойлонуп кеттиң, аялыңды сагынгансың го? - деп Эрмат ага карады эле ал маршрутканы токтотуп калды:

- Кеттик.

- Кетсе кеттик, - Экөө маршруткага отуруп элдин шары менен батирине тушташ жерден түшүп калышты, үндөбөй батирге келишип эптеп бирдеме таап жалмалап жатып калышты.

- Эртең жумуш болуп калса экен, - деди Толубай күңгүрөнүп, - Кудай деген кур калбайт, мен эми Алиманы кое бербейм.

- Эмне, ал сенин сүйгөнүң беле?

- Ооба, мектепте жүргөндө жакшы көрчүмүн.

- Анан сени карабай кетти беле?

- Жо-ок, мен айта алган эмесмин.

- Ошончо мокок белең?

- Андай деле эмес, бирок чын сүйүүнүн алдында алсыз болот деген чын экен да, айта албай калгамын, а сен сүйлөшүп үйлөндүң беле?

- Жо-ок, ала качып алгамын.

- Жакшы чыктыбы анан?

- Аялдай эле аял.

- Демек сүйбөйт экенсиң да.

- Сүйүүнү ойлонбопмун да, аскерден жаңы келип көөп турганда көзгө көрүнгөн кыз сулуу сезилет экен, ата-энем: "Карыдык, келин алып колубуз узарсын, аскерди деги өтөп келдиң", - деп калды, достор классташтар болуп бардык да алып баса бергенбиз.

- Сулуубу?

- Сулуу болбосо да жакшына…

- Мейли, андан көрө уктайлы, эртең иштеш керек, - деп Эрмат чүмкөнүп жатып калды. Толубай анча сүйлөбөйт, айрыкча шаарга келип жумуштан же үйдөн жок эптеп кардынын тойгонун кубанып жүргөнүнө ичи ачышат. Агасы Жаңыбайдын каякта тураарын да билбейт, эгер билсе алардын батирине эптеп тыгылмак беле: "Эртең иш болбосо радио узелден агам менен жеңемдин атын чакыртайын, соода кылып жүргөн болсо базардан табылат", - деп ойлонуп ушул ой башына келгенге кубанып алды да көөнү жайлана уйкуга кирди..

Алима менен Наргиза өз-өз батирлерине кетчү унаага отуруп жөнөп кетишти, Наргиза Толубайды жактырып калгандай улам-улам эстеп үйүнө келсе тамак ичип отурушуптур. Апасы магазинде иштейт, улуу агасы менен эжеси өз-өзүнчө батирде, шаардагы эл акчаны суудан терип алып жаткансып бала-чакасы менен Ош тараптан көчүп келип алышкан. Наргизанын бир баласы бар, күйөөсү көп ичкендиктен ажырашып алган. Эки жылдан бери шаарда апасы менен турат, улуу агасынын кызы үчөө бир бөлмөдө жашашат.

- Ой неге кечиктиң, мынча кечикчү эмес элең, коркуп отурдум эле, - деп дароо эле сурамжылап ийди Жамал.

- Апа, бала эмесмин го, мен деле отуздан ашып калдым, жөн эле корко бербечи.

- Сен отуз эмес алтымышка чыксаң дагы мага бала бойдон каласың кызым, - деди ойлуу Жамал.

- Болуптур эми, Алима экөөбүз паркка бардык, айлык алдык бүгүн, - деп Наргиза апасынын жүзүнөн өбө дасторконго келип отурду.

- Наргиза эжем мага эмне алып берет? - деп күлүп эркелей кетти Албина.

- Эмне керек?

- Бал муздак.

- Болуптур, эртең менен алып же, - деп Наргиза Албинага жыйырма сом карматты эле ал култуңдап кубанып калды.

- Ээ кызым, эми алдыдагы өз жашооңду ойлосоң боло, жашыңда бир жерге орун алып албасаң бобойт, - деп Жамал кызын муңая карады, - Менин санаамды тындырсаң болбойбу?

- Апа, кимге ишенем, баары эле жакшы көрүнөт, көңүлүң калып калганга ишенбей калат экенсиң, же жинди болсо да тийип кетейинби? - деп эркелей күлүп койду.

- Турмуш жашоо оюнчук эмес кызым, адамдын оозунда болсо алланын кулагында деп коет, ойлонуп сүйлө, мен сени бактылуу болсо экен деп тилеп жатканым, кокус көзүм өтүп кетсе кимисине корголойсуң? - деп Жамалдын зээни кейип сүйлөдү.

- Пешенеме жазганын көрөм да апа.

- Аның туура, ошентсе да күнүмдүктү эмес түбөлүгүңдү ойло.

- Жарайт апа, эми күйөө издейм, - деп Наргиза күлүп коюп ордунан турду, - Мен эс алайын апа, эртең эрте ишке кетем, - деп өзүнө орун салып, апасынын жанына жата кетти. Эненин санаасы санга бөлүнөт, өзү көп эле бир тууган, бирок биринен жардам жок, жеп ичкенге келишсе келет, берейин дегени жок, ал тургай башына иш түшкөндө кайрылышкан эмес, энедей эрте калган, атасы кийинки аялы менен очор-бачар, Жамалды ойлоп да койбосо керек. жалгыз таяныстары ушул балдары, анан эмне кылсын: "Атадан алтоо болсоң да, бир жалгыздык башта бар", - дегендей жашоо тизгинин жалгыз сүйрөп кыйын жашоодо эптеп келе жатат. Улуу баласы өзү менен өзү жакында үйлүү болгону турат, ага жардамым деп чогулткан акчасын берген, кызы эки баласы менен батирде турат, күйөөсү стройкада иштеп тың эле турушат: "Аттиң, мен ушул балдарымды бири-биринен кем көрөмбү, ата деген сырткы тон деп бекер айтылбаса керек, колунда бар туруп бир каралашып койбоду, менин бар же жок экеним аны кызыктырбаса да керек", - деп ойлонуп тагдырына нааразы болуп жатып уйкуга кирди. Жамал өтө баласаак, ким-кимиси бло дагы кеч калып же көзүнө көрүнбөй калса сары санаа боло берет, кудайга жалынып аман болушун тилейт, заман өзгөрүлгөнү элдин пейили да башкача болуп калбадыбы. Бирөө бирөөнү сабап, өлтүрүп жатса дагы карабай өтүп кетишет, өзүм балаадан алыс болоюн дегендери го? Ооба антпесе кыйын, кайра өзүң күнөөкөр болуп калышың мүмкүн, бей күнөө эле азап тартканды ким кааласын…

Толубай ошентип эртеси Эрмат экөө чыгып кирпич куйганга жумуш табылганына сүйүнүп жөнөп кетишти, жатып иштемек болгондуктан төшөнчүлөрү менен идиш-аягын кошо алып жалдаган адамдын унаасына отуруп жөнөдү. Жайы менен экөө ыссык күндө кара терге түшүп тыным албай бир үйдүн кирпичин куюшту, акыларын алып чөнтөктөрү кампая түшкөн эки жигит жуунуп-таранып алып көчөгө чыгышты.

- Токе, адегенде бир кийинип алалы, анан Алималарга барбайлыбы ыя? - деди Эрмат досун жонго таптай.

- Мен кетсемби дедим эле.

- Ой ат-таа, ушунча чыдап бир-эки күнгө чыдабайсыңбы, ойноп-күлүп ал да, бүгүн бир келиндер менен жыргайлы, уят болбойбуз, чөнтөк толтура.

- Ээ мейли дос, сени менен дагы канчадан бери даамдаш болуп калдык эле, сага жок десем болбойт, башта анда.

- Азамат, дос деген сөзгө сендейлер гана татыйт, - деген Эрмат дердеңдей жол баштап дордойго жөнөштү, бир сыйра жаңыланып кийинип алышып Алималар иштеген цехти издеп таппай кайра батир издемек болуп келе жатып базардагы булочка менен коржик саткан кызды көрүп токтой калды Эрмат.

- Чоң кыз, мына буларды жасаганда кайда билбейсиңерби?

- Жо-ок, - Ийинин куушурду ал кыз.

- Кимди сурап жатасыңар? - деди жанында отурган келин.

- Булочки чыгарган цехти сурадым эле эже.

- Ой кокуй, цехтер толуп жатпайбы, мына бул Ош базарынын подвалына кирсең, кыялга барсаң цехтер толтура.

- Рахмат эже, таап алсам сизге ыраазылыгымды билдирип кетем ээ? - деген Эрмат кудуңдай жанындагы Толубайды унута шыпылдай жөнөдү.

- Эрмат, сен кайда? - деди Толубай таңгала.

- Ой чорт, сени таптакыр унуткан экенмин кеттик, Алиманы ушул жактан табабыз, - деп Эрмат кайрыла калып досун ийинден ала тез- тез басып жөнөдү, - Ош базарында деген, тактап алганымда болмок экен, эми таап алсак дурус…

- Дареги жокту издеп… - Толубай көңүлсүз күңкүлдөдү, - Бир жолу таанышкан кызды мен издебейм, сенин классташың болгон соң издесең жарашат, андан бери эки ай өттү го, балким иштебей калгандыр?

- Ушул шаарда эле болсо табам.

- Каршылыгым жок, бирок мени кармабайсың.

- Жарайт, азыр таппасак сен кете бер жарайбы?

- Болуптур сүйлөштүк.

- Мына бул подвалда дедиби?

- Ошондой дегендей болгон, - Экөө ээрчише подвалга кирип баратышканда Эрмат бир нерсени эстей калды.

- Эй, анын жашаган үйүнүн телефону бар да менде.

- Анда сөз жок табасың.

- Азыр карап көрөлү, болбосо…

- Ма-акул-ма-акул, кана издечүңдү изде, менин эсимде калган жок, тааныбай деле калдым, - деп Толубай күлүп аны алдыга өткөрдү. Ар бир эшигин ачып камыр менен алпурушкан ак халат кийген кыз-келиндерди көрүп сураштырса таппады, акыры күнүмдүк жатаканага барып жатып калышты, мейманкананын телефону менен блокнотунан номерди алып чалса Алима өзү алды.

- Ало, ким экен бул?

- Алима! - деп Эрмат шашыла үнүн бийик чыгарып ийди, - Бул мен Эрмат, сени таппай жүрбөйүнбү.

- Мен ал жерде иштебей калгам.

- Иштебесең мейли эртең жолукпайлыбы?

- Колум бошобойт да, тигүүчүлүккө окуп кеткем.

- Качан бошойсуң анан?

- Дем алышта.

- Бүгүн кайсы күн?

- Билбей эмне кылып жүрөсүң? - Алима бырс эте күлгөнү угулду.

- Иштеп жүрөм, бүгүн айлык алып сени издеп таппай…

- Анда бүрсүгүнү площаддан кечке маал жетиде жолугалы.

- Макул анда, - деп Эрмат трубканы коюп эле алаканын шак чаап кубана Толубайды карады, - Мына, акыры таптым.

- Сен го таптың, мен кайдан табам?

- Ой ата, мен Алимага айтайын ала кел деп.

- Унутуп калып эмиби, балким ал экөө деле бөлүнүп кеткендир, - деп Толубай жата кетти, - Эч кимдин кереги жок, үйүмө кетем.

- Таарынба дос, эртең менен кайра чалып сурап көрөйүн, - деп бир аз досунан уяла түштү Эрмат. Айткандай эле Алима өзү эле Наргизаны ээрчитип келди, көрсө экөө жолугуп турушат экен. Учурашкандан кийин эле Эрмат бакылдап кирди.

- Токо, жүрбөйсүңөрбү эми, кыздар менен жай сүйлөшүп отуралы бир жерге, канчадан бери жолугушпай сагынышып деги калдык.

- Сагынмак турсун силерди унутуп калганбыз ээ Наргиза? - деп Алима курбусуна карады.

- Бир көргөн адамды сүйүп калбаса сагынуу кыйын.

- Туура, Эрмат сен го-о мейли, сагынуу деген наргиза экөөбүзгө тиешелүү эмес, - деп Толубай досун нукуп коюп экөө илбирстин ичиндеги кафелердин бирине бащ багышты. Бир аздан кийин төртөө бака-шака болушуп көпкө отуруп тамактанып сүйлөшүп, бири-бирине ыктай отуруп сырдашып да кетишти. Алима менен Эрмат өткөн-кеткенди эстешип беркилер менен иши жоктой өздөрүнчө, Толубай акырын Наргизага кайрылды.

- Турмушка чыктың беле Наргиза?

- Жок, кыз бойдонмун, - Наргиза тамашалай жооп берди.

- Ошонуңуз жакшы экен.

- Албетте, кыз кимге жакпайт.

- Азыр кайда иштеп жатасың?

- Ошол эле ордумда.

- Таппай койдук го?

- Силер мени эмес, Алиманы издегенсиңер да.

- Чын эле, - Толубай ойлонуп калды.

- Мен силерди көргөмүн.

- Койчу?

- Көргөндө эмне кылмак элем, унчукканым жок.

- Катуу экенсиң да.

- Ошонун катуулугу барбы, намыстуу кыргыз кызымын, болгону ошо.

- Ал айтканың туура, кыргыздын кызы болгонуң жакшы.

- Үй-бүлөөңөргө барып келдиңерби?

- Кайдан, эки күн болду иш бүткөнүнө, эми кетем го?

- Демек кетет экенсиңер да.

- Эрмат кетпейт, мен кетем.

- Жакшы-ы.

- Кокус келсем кайдан табам Наргиза? - деп эңкейип шыбырай сурады Толубай.

- Эмне кереги бар, үй-бүлөөңүз турса.

- Балдарым үчүн бир барам, аялым үчүн эмес.

- Неге, ошол балдарды тапкан аялыңыз го?

- Билбейм, аялымды ойлобойм деле, - Толубай өткөндө бир жердеши жолугуп алып: "Мээрим көп басып кеткен, эми аны менен жашашың кыйын го", - деген сөзүн эстеп көңүлсүз айтты, - Сени жактырып калсам не дээр элең Наргиза?

- Балдарыңар турса, бир-эки көргөн келинге мындай дегениң туура эмес го?

- Наргиза, бул тирүүлүктө баары болууга тийиш.

- Мүмкүн, бирок кээде адамдар өзү жаңылып алып тагдырына шылтап өкүнүп калышы жашоодо канча?

- Туура, бирок маңдайга жазганды көрөт эмеспи пенде.

- Ооба, андай болушу мүмкүн, а сен эмнеге ишенесиң?

- Буйрукка.

- Буйрук?

- Ооба, насип буйрук деген кыйын, кээде оюңа келбеген нерселер болуп кетет, негизи өзүңө ишенсең анан баарын жеңүүгө болот.

- Ырас айтасың, эң алды адам өзүнө ишенсе баарына жетет.

- Сенин сүйлөгөнүң, мүнөзүң мага жакты Наргиза, - Толубай Наргизага эңиле калып жылмая караганда Наргиза андан көзүн тартып алып кабак бүркөй кашыгын кармалады.

- Кандай жагынан? - деди кабак бүркөй.

- Баардык жагынан, сөзүң орундуу, мүнөзүң токтоо экен, адамдагы эң жакшы сапат токтоолук менен көтөрүмдүүлүк, анан да кең пейилдик болот эмеспи, аял эне, мээримдүү жана чалкыган кең деңиздей терең дагы пейили таза болот, сен кандай эне болоор элең, көргүм келип кетти Наргиза, - деп Толубай келиндин колунан кармай калды, - Сен мага жактың.

- Кызык, көргөнүңө аз болду, кантип жактырып калууга болсун?

- Болот экен, мен муну өз өмүрүмдө биринчи жолу сезип отурам.

- Эми үйүңүзгө кетесиз, аялыңыздын жанына баргандан кийин балдарыңыздын күлкүсү, ырахаты баарын унуткарат, а мен сиздин бул дүйнөдө бар экениңизди гана билип, эстеп коюп кала берем, ошондуктан ашыкча сөздүн кереги эмне? - деди Наргиза ойлуу.

- Барып эле кайра келем.

- Өзүң бил, - Наргиза бирде сен, бирде сиз деп сүйлөп кеткиси келгендей Алиманы карады эле ал:

- Наргиза, сага эмне болду? - деди көңүл бура.

- Аа- а, тамак ичилип бүттү ээ? - Алима Эрматка бурулду, - Сыйыңарга рахмат, бизди узатып коесуңарбы?

- Албетте узатабыз, - Эрмат Толубайга карады, - Дос, кана кеттик, кыздарды узатып коелубу?

- Сөзсүз да, узатпаганда анан, - Төртөө тең ордуларынан туруп сыртка чыгышты, - Эх кандай гана рахат ээ, салкын таза аба, шаардын кечки кооздугу, - деп Толубай суктана айланасына карап керилип алды.

- Суктануу жакшы, бирок ошол кооздуктун баркына жетип сактай билүү кыйын, - деп койду Алима, - Жаратылыштын кооздугуна сөз жетпес оов, тирүүлүк адам баласына бир берилет экен, каалагандай жашоого болбойт экен, апам айтат эле, "жаман атты жал басат, жаман катында чач басат", - деп анын сыңарындай эле, кээ бир акылы тайкы адам бай анан бактылуу болсо, ач көз сараң, ичи арам, кара ниет немелер өз каалаганына жетет, бей-бечара менен момун, бирөөгө жамандыгы жок пенделер кой оозунан чөп албагандар өмүрү өткөнчө жетип-жетпей жашап өтүшөт, ушул биз көрүп турган кооздуктун эмне экенин дагы сезбей өтүп кетишет…

- Алима, жүрү кетели, бул өмүрдөгү жетишпестикти оңдоо экөөбүздүн колубуздан келмек беле, биз дагы ошол келип кетчү куштарга окшоп акыры бир күнү өтчү пенделерденбиз, - деп колтуктап жөнөдү Наргиза.

- Ай-ай сулуу кыз, мен Алиманы өзүм жеткирем, сизди тигил жигит узатат, - деп Эрмат Алиманы карыдан алганда Толубай Наргизаны колтуктан кармай ары тартты:

- Кайсы унаага чыгабыз Наргиза?

- Мен өзүм эле кетем.

- Ошо болчу беле, кыздарды узатыш биздин милдет эмеспи.

- Рахмат, мен адашпайм, - Наргиза колун тартып алды.

- Койчу эми, жеткирип коеюн.

- Болбойт, үйдө апам мени күтүп жатат.

- Эрмат, - деди Толубай, арыта сүйлөшүп турган экөөнө кайрыла, - Экөөбүз сүйлөшөлүчү.

- Жар-райт дос, кандай проблема? - Экөө сүйлөшө калышты, аңгыча Наргиза менен жолукту да дароо келген унаага түшүп кетип калды.

- Алима, Наргиза кетип калдыбы? - деп Эрмат жетип келди.

- Ооба, кечиксе апасы урушат.

- Сен аны эртеңкиге чакырасыңбы?

- Албетте, менин курбум жаккан болсо.

- Жакпагандачы, колго түшүрүү кыйын го дейм, - Толубай супсуну сууй сүйлөдү, - Деги жигиттерден ушинтип кача береби Алима?

- Жо-ок-жок, биз ар дайым эле ушинтип жүрөт дейсиңби, биз өзүбүз кээде зериккенде паркка эс ала коебуз, көрүнгөн менен тааныша бербейбиз, - деп Алима актангандай болду.

- Кантип эле, оой кыз-келиндер сырдуусуңар го, канчаны электен өткөрүп жакканын өз бооруңарга тартып, жакпаганын ары түртүп басып кетээрсиңер, - деп Толубай тамашалап күлүп калды.

- Эми кандай ойлосоңор өзүңөр билгиле, мен кеттим, маршруткам келип калды, - деп шашыла токтотуп түшүп кетти.

- Ой буларың эркек көрбөгөн кыздай го, уулоо тайдай элирет.

- Мейли дос, жүрү биз дагы эс алалы, - Эрмат досун далыга таптап маршруткага кол көтөрдү, - Үйдөн сүйлөшөбүз.

- Жарайт, - деп шашылган Толубай эл менен аралаша унаага кирип кармагычты кармап туруп калды, эси-дарты акчасын жоготуп ийбөөнүн аракетинде, сол төш чөнтөгүн бекем кармап алган, кечинде элдин кысылышында андайлар көп болоорун жакшы билет. Бат эле батирине жете келишти.

- Сен капа болбо, Алима экөөбүз үйлөнө турган болдук, - деди киргенден кийин Эрмат, - А сен кам санаба, Наргиза сага жакса колумда деп ойлой бер, Алима мага айтты, экөө көптөн бери курбу экен, апасы ага ишенет, демек Наргиза эч жакка качпайт.

- Жагаарын го жакты, үй-бүлөөмчү?

- Эй, сени эки жылдан бери катының күтүп отурат дейсиңби?

- Ал күтпөсө балдарым бар, кичинекейим кызым, эмдигиче ал дагы сүйлөп калгандыр…

- Аман болсо көрөсүң, азыр сен өзүңдү ойлончу бай болгур!

- Эртең агамды издеп табышым керек.

- Вот, туура айтасың, азыр колуңда бар, керсейип жолугуп кой, керек болсо Наргизаны алып кой дагы айылдагы аялыңа иштеп жүрөм деп коюп жашай бер, жашоо сеники болот, андайлар чекесинен чыгат.

- Койсоңчу, биринен баш тартыш керек, өз жанымды бага албай жүрүп эми дагы бирөөнү милдетин кантип алам, бул акча түгөнсө кайрадан иштеш керек, алма быш, оозума түш деген убак эмес, Лининдин гана заманында болуп өткөн, азыр иштебесең тиштебейсиң дос!

- Аның туура, экөөбүз азыр он беш миң сомду көп көрүп жатабыз, эки аял алгандар толтура.

- Мен депутат, же финансы министри эмесмин да, аларга керек болсо төрт-беш катын алса жарашат, - деп үңкүйдү Толубай.

- Сен кызык экенсиң, өзүң билчи, - Эрмат даяр төшөгүнө култ эте кирип кетти, - Ата-аңдын гөрүү, төшөктү салып даярдап коюп келчи жаным, деп эркелей сандарын көрсөтө аялың колун созо төшөктө жатса, - деп Эрмат өзүнчө кыялданып алды.

- Көп кыялданган зыян.

- Неге, кайра пайдалуу эмеспи?

- Жок, жокту ойлоно берип дүүлүгүп бүтүп каласың, андан көрө үмүтүңдү үз да шалпая укта, - деп тОлубай күлкүсүн чыгарбай ары карап бүлкүлдөп жатты.

- Эй сен эмне деп жатасың, эч качан жыргал деген нерседен үмүт үзбөш керек, боз жорголор биротоло шалпайып калса кантебиз?

- Көргөндө тура калат да.

- Жо-ок, мен андай кыла албайм.

- Эмне, ойлонуп алып рахатка батканды жактырасыңбы?

- Мен дайым ошентем.

- Акмак, кээде уктатып коюну унутпа.

- Кой, сени уккум келбейт, - Эрмат чүмкөнүп алды, анын мындайда сырын билген Толубай унчукпай жатып калды. Экөө унчугушпай жатып ойлонуп келечекте тагдыр аларды кандай бурулушка алып барып такаарын сезбей уйкуга киришти…

Мээрим эки баласын тең ээрчитип кайнатасыныкына келди, анткени Аскаттын шоктугунан батпай койду, өзү дагы үйдө отурса жакшы эмеспи, күндөп-түндөп кетип калып апасына дагы каяша айтып, кийинки кездери өзү дагы батышы кыйын болуп калган. Кайнатасы неберелерин көрүп колундагы күрөктү таштап ийип бери басты.

- О-ок каралдыларым десе, келдиңерби садагаларым, - деп тозо чыкты, Аскат чоң атасын жүгүрүп барып кучактап калды, - Айланайындарым десе, каралдыларым менин, кел-келе гой Асел, - дегенде аны Мээрим жетелеп барып.

- Бара гой чоң атага, - деди Аселди кошуп бооруна кысып алып Темиркул көзүнө жаш алып бир саамга туруп калганда Азимбү үйдөн чыга калды.

- Келгиле балам, - деди Мээримге.

- Кандайсыздар апа, жакшы жатасыздарбы?

- Кудайга шүгүр балам, кудай деп турабыз.

- Толубайдан кабар барбы?

- Кайдан, эмне кылып жүрөт десең Жаңыбайлар келип кетишти, аларга барбаптыр дагы, кайда кетип калды курган бала.

- Мен бара берейин апа, балдар биерде кала берсин.

- Ботом кетпей беш-алты күн тура турсаң боло.

- Иштейин дегемин, болбосо кыйналып кеттим, - Мээрим күнөөлүүдөй жер карады.

- Анысы да бар, кандай иш таптың?

- Жол боюндагы кафелерде иш бар экен.

- Мейли, өзүң бил балам, - деп Азимбү келинине башка кеп айта албады, иштейм деп кетип дайынсыз кеткен баласынан кабатыр болгону менен аны кал дегенге оозу барбады: "Мейли, иштесе иштеп балдарын баксын, Толубай болбосо менин кызматымды кылып бермек беле", - деп ойлоп, - Чай-пай ич жок дегенде, - деди неберелерине өөп-жыттап ичкериге жетелеп басып.

- Кирип чай ич балам, бул сенин дагы үйүң, тартынба, Толубай келсе кайрадан чогулабыз, өз үйүңө чоочун болбо, - деп Темиркул дагы келинине кайрыла айтты, - Эми эле барып каласың. Мээрим кайната-кайненесине жок дей албай үйгө кирип бир чыны чай ичип кайра эле жөнөдү.

- Келип тур Мээрим, Толубай келсе өзү барат го.

- Мейли апа, келип турам, - Мээрим кеткенче шашты, оюнда өзүнүн жүргөн турганы кайненесине жетти бекен, эмне деп ийет деп жүрөкзаада болуп турган эле. Ошол күнү ал апасынан уурдана үй артында көптөн бери сүйлөшүп жүргөн жигит менен бир күрмөнүн ичинде түн бир оокумга чейин отурду:

- Мээрим, - деди Султан, - Мен дагы бойдокмун, күйөөңдү күтүп жүрө бербей мага турмушка чык, балдарыңды чоң атасына берип кой, бирок мен аларды өгөйлөбөйм, - деди кучактап отуруп.

- Чоң атасы кары кишилер, карай албайт, кыйналып калышат, азыр экөө тең кары.

- Кабатыр болбо, өзүбүз деле багып алабыз, сен макул болсоң болду.

- Мен азыр күйөөгө чыкпайм Султан, балдарым жаш, апам дагы карып калды бага албайт, өз баламдын түйшүгүн өзүм тартышым керек.

- Мээрим, алтыным менин, мен сени сүйөм, сенден башканы такыр карабайм, сенсиз жашоо жок менде, - Султан келинди мойнунан баштап өөп көкүрөгүнө келип кофтасынын бүчүсүн чечип аста көк шиберге жыкты, - Алтыным, жаным жок дебечи.

- Султан, койчу кудай жалгагыр, - дегени менен махабаттын оюну аны өзүнө азгырып колдору жигиттин мойнуна эбак асылган.

- Алтыным, дүйнөдөгү менин жалгызым, - деп Султан бүчүсүн чечип кош алмасына эбак жеткен, - Сен мени сүйөсүңбү Мээрим?

- Ооба сүйөм, болчу эрте.

- Мен дагы, мен дагы жаным… - Энтиге өпкүлөп жатты, алдындагы көк майсаң көк шибер тукаба төшөк сымал уйпаланып жатты, эритип-элжиретип, бири-бирин рахатка бөлөп, махабаттын туу чокусуна чыгара экөө тең жылдыз толгон асманды карап жатып калышты. Шырп эткен дабыш угулбай экөө тең бири-бирине ыраазы болуп айсыз түндө карап күлүп жиберишти.

- Султан, сага ыраазымын, ушунчалык бактыга бөлөдүң, - деди келин шыбырай колун жигиттин жүзүнө жеткире сылай.

- Мен дагы ыраазымын жаным, кел бири-бирибизди ушинтип ыраазы кылып жалгызсыратпай кошулуп алалычы, - Жигит анын колун чоп эттире өөп койду, - Макулсуңбу?

- Кошулуп албадыкпы, - Мээрим бырс эте күлүп жиберди.

- Каршы эмес экенсиң да туурабы?

- Мен макулмун, бир аз күт.

- Неге?

- Күйөөм келип калса балдарды өзүнө тапшырып коюшум керек.

- Койчу эми, балдар керек болсо өзү келет, болбосо өзүбүз чоңойто беребиз алтыным, эртең алып кетейинби?

- Ойлоноюн ээ?

- Макул, эртең күтөм, ушул учурда дал ушул жерден жолугабыз.

- Жарайт жаным, - деп экөө эми таттуу өбүшө баштаганда Зыйнат үй артына күңкүлдөй басып келе жатканы угулду.

- Кайда кетип калды, түндө кеткени эмнеси? - деп өзүнчө ажатканага жетпей отура кетти, - Сени келээрсиң үйгө, - Кобурана шаркырата даарат ушатты да кирип кетти.

- Өлдүм, апам билсе үйгө киргизбейт, - деп Мээрим өзүн эч жакка баспаган келиндей көрсөтүүгө тырыша актанып койду, - Эки жакка чыкпаганга көнүп алат экен да.

- Мени кечир алтыным, сени жаман атты кылбайм, кааласаң азыр эле такси жалдап алып кетем, апам үйлөн деп какшап жаткан, кубанып калсын.

- Макулдаштык го, эртеңге чейин ойлоноюн.

- Мейли анда, эми үйгө кирип жат, мен кеттим, - Султан туруп кийимин кагынып жатканда Мээрим дагы чачтарын оңдоп, кофтасын бүчүлөп ирээтке келтирип жетелеше тозулган керешкеге жеткенде:

- Ой сен кимсиң, Мээрим сенсиңби? - деген Зыйнаттын үнү аларды селт эттирип Султан кыйрайган эшикти эптеп түртө салып жүгүрүп кетти, Мээрим үйдү айлана чуркады, - Ой өлүгүңдү көрөйүн десе ууру келгенби, балакет бас, козум турабы? - деп Зыйнат короосун көздөй жөнөдү, караңгыда көзүнө экөө бирөө болуп көрүнгөн го карыган кишиге. Ал эптеп короосуна баш багып короонун оозу бекем турганын көрүп кобуранган бойдон керешкесине келип ачылып калган эшикти жаап, илгичин илип коюп кайра үйгө кирди, - Ботом кайдагы неме болду экен? - деп күбүрөнө ордуна жатып калды. Ал ар дайым жалгыз калат, Урмат кээде келсе кээде келбей да калат, Мээрим төркү бөлмөгө кирип жатып алган. Анысын билбей дагы калды Зыйнат. Эртеси эрте Урмат келип:

- Апа, мен үйлөнөм, - деди дароо эле.

- Эмне дейт, ал ким экен?

- Иши кылса келиндүү кылайын, сен кыйналып кеттиң апа.

- Садага кетейин десе, үйлөнөм дегениң го жакшы, ким кайдан, айтчы деги, - Зыйнат жүрөгү үшүп калган неме уулун ормое карады.

- Апа, аялды мен алам, ким экенин эмне кыласың камына бер, эки күндөн кийин алып келем, - деп кабагын карыш салды, - Үйлөнөм десең ушинтесиң анан, элден уялат экенсиң, энеси бир тамда жалгыз калды деп эл айтышат экен, өзүмө карасам катын албай эле жүрө бермекмин.

- Мейли балам, туура айтасың, ким экенин эмне кылам десең, баары даяр балам, алсаң алып келе бер, - деп жаагын таяна өткөн жашына өкүнүп, картайганда бак-бак сүйлөп эш болчу күйөөсүнүн өтүп кеткенине зээни кейип отуруп калганда уйкусураган Мээрим үйдөн чыга калды.

- Апама жардам бер, үйдү актап тазалап эжемдерди чакыралы, - деди Урмат карындашын карап.

- Качан үйлөнөсүң? - Чекесин тырыштыра уйкусу ачылбаган түрү менен карады.

- Эки күндөн кийин алып келем.

- Ошончо тезби?

- Күтүп отурамбы, үйлөнө турган болгон соң үйлөнүшүп керек.

- Үйдү актап койгонбуз, эмнесин актамак элек?

- Болду ай кыз, алып келсе алып келсин, Нурматты чакыр, Замира экөө тең келсин, союшту алып келсин, Гүлүм менен Сезимди чакыралы, - деп Зыйнат кызына алая карады, мунусу аны: "Үйгө качан келдиң, кайда жүрдүң", - деген зекүүсү эле, - Чай коюп, дасторкон сал!

- Мына эми, азыр салам да, - Мээрим силкине эшикке чыгып кетти.

- Кызыңдын күйөөсү кайда кетиптир деги? - деп Урмат апасына бурк эте карады, - Деги тирүү бекен?

- Ким билсин, кеткен бойдон дареги жок дейт го?

- Ал кайда кеткен экен өзү?

- Бишкекке.

- Ушу турган шаарга эки күндө бир барып келип жатышпайбы, ал башка жакка кетип калган го?

- Кайдан билейин, мунусу да эрден жок багы байланды го? - деп Зыйнат туруп кейип үйгө кирди, ошентип камынып калышты, Гүлүм менен Сезими келип күйөөлөрү менен үйү толуп, неберелердин күлкүсү көңүлүн көтөрүп Зыйнат кубанып калды. Үчүнчү күнү келин дагы келди, үч-төрт бөлмөгө толуп бапырашып куда күтүп жатышты. Кудасы Оштон келмек эле, келини күйөөгө чыга элек кыз экен. Урмат эки бала менен ажырашкан. Эртеси келгенде кудалары бир автобус болуп келип калышты. Кудаларды күтүп тургандар жабылып эле автобусту тегеректеп калышты.

- Келгиле кудалар, кулдугубуз бар, - деп кара сакалдуу Урматтын атасынын бир тууган иниси эле, аты Жумабек.

- Кулдук кудалар, куш келипсиздер!

- Келгиле кудалар, жакшы келдиңиздерби? - дешип тургандар келген аял-эркектерди карап турбай учурашып жатышты.

- Кыз кайда, биз кыз менен жолугалы анан көрөбүз, - деди бири бөйрөк таяна, бир тууган агасы экен, - Шайлоо кирип Айкөкүлдү көрүп, сүйлөшүп чык.

- Макул, - деген бою жапыз аял бөйпөңдөй, - Мени кызга алып барыңыздар, - деди.

- Кыз сак-саламат эле, өз каалоосу менен келди, жүрүңүз биякка, - деп бир келин аны колтуктай үйгө алып кирди. Айкөкүл жеңесин көрүп ыйлап ийди, экөө кучакташып бир аз турду.

- Кандай акыбалың, сүйлөшүп келдиңби, эшикте акеңдер күтүп жатат.

- Жеңе, баары жакшы, өзүм сүйлөшүп келдим.

- Болуптур анда, мен айтайын, - деп жеңеси Шайлоо Айкөкүлдү өөп коюп сыртка чыкты.

- Кандай кыз? - деди бири алдын тосо.

- Жакшы, баары ойдогудай, - деди Шайлоо.

- Кана эмесе кудалар үйгө киргиле, - дегенде үндөбөй үйгө кирип орун алышты, датсоркондо жер жемиш, таттуу толуп, боорсоктор үйүлгөн, дандыр нандар кыпкызыл болуп боорсоктун четинде барсаят.

- Алгыла кудагыйлар, дасторконго карагыла, эки жаш баш кошуп калган экен, кудай кошкон куда болот экен, байгамбар кошкон дос болот деген ушул, сиздер менен куда болуп отурабыз, - деп Жумабек бакылдап кирди, - Мен күйөө балаңардын атасынын бир тууган инисимин, кыскасы атасымын, баарына өзүм жоопкермин.

- Жакшы экен, - деди керсейгени, - Мен келиниңердин бир тууган агасымын, бул жеңеси, - деп Шайлоону көрсөттү да кыдырата тааныштырып кирди, - Бу киши тагабыз, анын жанындагы аялы, тигиниси карындашым, тигиниси, - деп келе жатканда бири сөзүн бузуп жиберди.

- Эк куда, тааныдык - тааныдык, эми эки жаштын бактысы үчүн бирдеме деп коелу.

- Ооба - ооба, балдар үчүн ичпесек болобу, таанышып деги алдык, - дешип бака-шака түшүп сыйлап жатышты, түн жарымынан өткөндө гана коноктор отурган жерде кыйшайып калышты. Бир гана эжеси соо калды, жанагы керсейип жаткан агасы баш болуп мас болуп, сыртка чыгып алып Урматты кайра-кайра демитип:

- Карындашымдын көз жашын көрбөйүн, капа болгонун укпайын, колуң тийбесин, - деп сөөмөйүн чычайта түкүрүп коюп жатты.

- Ооба аке, кам санабаңыз, - деп тим болду. Эртеси эрте туруп кайра сыйлап жатып түшкө жакын сарпайыларын жаап, алдына жыйырма миң сомду коюп жөнөтүп "Өх" деп отуруп калышты. Туугандары менен достору андан кийин эки бөлмөдө шарактап жатты, Айкөкүл илбериңки, маңдайы жарык, түзү ийги жаш келин тыкылдап жумуш жасап жатканда Зыйнат келинине ичи жылып:

- Айланайын, отура берсеңчи, келиндин келген жылкысы, кемпирдин өлгөн жылкысы дегендей кийин айтып жүрбө, - деди күлүп, - Булар кеткенден кийин экөөбүз калабыз балам, азыр кыздар кылат.

- Эч нерсе эмес, жардам берейин апа, - деп Айкөкүл сыйпайылана жооп кылып коюп кыймылдап жүрдү.

- Апа, келиниңе бооруң ооруп жатабы? - деп күлдү Гүлүм.

- Боорум оорубай анан, келиним экөөбүз калабыз, баарыңар кетесиңер.

- Мейли эми Айкөкүл, отура гой, биз кеткенче сен эс ала бер, алыстан ат арытып иним үчүн келдиң, - деп Гүлүм келинин өөп ичке киргизди. Мээрим агасы үйлөнүп колу бошоп Султанга жолуга албай тынчы кетип жатканда короонун оозунан ышкырык чыгып калды, өзү дагы кирип чыгып карап жаткан эле. Жетип барып кучакташып калды.

- Жолуга албай жаман болдум, качан колуң бошойт эми?

- Азыр үйдө киши көп, коноктор бар, сен туруптур мен бир нерсе алып келе коеюн, - деп Мээрим кайра жүгүрүп аш салып эт менен алып келди, - Ооз тий, - Келин алдык, акем үйлөндү, эми апам жалгыз эмес.

- Жакшы болуптур, мен апама айтып койдум, даяр турат, сен макул болсоң эле алып кетем, биз бактылуу болобуз Мээрим.

- Тамактан же, акемдин достору дагы бар, көрүп калышпасын.

- Жарайт, мен тамак жеп алып кете берейин, сен мага ачык жообуңду айтсаң даяр болуп машина менен келем, - деп Султан аштан сугунуп жатты.

- Бир жумадан кийин кел.

- Эмне, ошончо күн күтөмбү?

- Кудалар кайра эле сеп алып келишет экен, мен кетип калсам болбойт Султан, аз эле го бир жума, - деп эркелей ийинине башын койду Мээрим.

- Макул-макул, ага да күтөм, ошондо дагы шылтоо айтсаң ала качып кетип калам, сүйлөштүкпү жаным?

- Жарайт, сен айтканга макулмун.

- Болуптур анда, мен барайын, эмки жума күнү келип калам, - деп Султан табакты Мээримге карматты да эки бетинен өөп, бирөө жарым көрүп калбасын дегендей шашыла жөнөп кетти, колундагы тамакты кармаган бойдон аны артынан карап турган Мээримди көргөн Сезим:

- Сен эмне кылып жүрөсүң биякта? - деди.

- Жөн эле.

- Колуңдагы эмне?

- Табак.

- Өзүң жегени жатасыңбы, жинди болдуңбу?

- Ой, - Мээрим сөз таппай калды - Тиги коңшу келиптир, ошого ооз тийгизип узатып койдум.

- Үйгө кир дебейт белең?

- Болбой койду, - Мээрим табакты көтөрө эжесине эптеп шылтоо айтып кутулганына сүйүнүп: "Ырас кетип калган экен, көрсө эмне болот эле", - деп ойлонуп үйгө кирип кетти. Урмат аялына үйрүлүп түшүп үйдөн чыкпай тынч болуп калды, достору аяштары келип кетип күндө конок тосуп жатышты. Зыйнат бутун сунуп отуруп белен чай ичип оңуп эле калды: "Ээ кудай, эми карылыгымды бакыбат жашоодо өткөрсөм экен, ушунуңдан жазба жараткан жетимиш жашымда кишенделген аттай болуп отурсам тура албай, турсам отура албай азап чекпей, уул-келинимдин урмат сыйына татып, кадыр баркым менен өтөйүн", - деп кудайга шүгүрчүлүк кылып алды өзүнчө. Бул да болсо канимет тура, кандай гана эне балдарын жаман болсун дейт, кандай эне балдарынан жамандык күтөт, бирок жараткандын буйругуна баш ийбеске айла жок эмеспи. Арадан бир жума өткөндө Мээримди Султан алып кетти, ошентип ал дагы өз турмуш жолун сынагысы келдиби, балдарына барбай туруп күйөөгө тийип кетти. Султандын апасы бар, эки агасы, бир эжеси бар, эң кичүүсү болгондуктан колунда калып бага турган баласы. Сайра негедир Мээримди көргөндө эле жактырбады, абысын ажыны менен сүйлөшүп жатканда:

- Аа-а шорум, бу келинге дагы ичим чыкпады, - деп калды жүз граммдан жутуп коюп.

- Койсоңчу жеңе, жаш өңдүү-түстүү эле келин экен, балаңыз бактылуу болсо болду да, - деди кичүү абысыны.

- Ошону айтсаң, мага деле жакты, түсү ийгиден түңүлбө дейт го?

- Эми ушунун эки баласын багам деп жүрүп өтөм го? - деп Сайра ичиндеги сырын айтып ийди.

- Эми жеңе сүйлөшүп кеңешип-таңашып анан баш кошушпадыбы, өздөрү билет да, уулуңузду капа кылып албаңыз.

- Ооба десең, азыркы жаштар дароо эле өлөм житем деп кирет, - деп үч абысын сүйлөшүп жатканда арытан бирөө кыйкырды:

- Оой жеңе, бери келчи!

- Эмне болуп кетти?

- Кудага киши жиберебизби?

- Азыр, - деп Сайра аны көздөй басты.

- Жеңе, кудага жиберсеңиз эрте жарыкта жөнөтөлү.

- Эмне, мени карап отурбай туугандары чогулуп өзүңөр билип койсоңор болбойт беле, Султан азыр жетим бала, агаңарга болгон сыйыңарды көрөйүн, - деп Сайра ага жете келди.

- Кылса кылып деле коебуз, колдон келбейт дейсизби?

- Кыз алып кыңшылатып жаттык беле, бир кой эки миң сом берип ий.

- Жеңе, уят го?

- Ошо, эрден чыккан эки балалуу жубанга ошол ылайык, - деп Сайра кеп уккусу келбей кайнисине эки миң сом алып чыгып берди, - Короодо кой байланып турат, кимди жиберсең ошону жибер, же өзүң бар, - деп ары басканда Дүйшө инисин издеп үйдөн тапты.

- Бери келчи.

- Эмне болду аке?

- Апаң кыялын карматып жатат, мына эки миң берди, мен сен үчүн эки миң кошоюн, бир союш менн эки миң сом берсек, калың бербейбиз да туурабы? - деди Султанга түшүндүрө.

- Апам ошенте берет, өзүм сүйлөшөм аке, сиз айткандай боло берсин.

- Ап-баракелде, - деди да Дүйшө ары карай кетти. Мээрим келген жеринде жакпаганын дароо эле сезип ичинен тынды, жаш болуп биринчи баргандагысын билбей калган, эми кабак кашынан эле билди, кайненеси жоолук салып жатып салкын болуп чыгып кетти: "Шашпа, балаң мени угуп сени укпай турган болгондо гана билесиң, азырынча жүзүңдү үйрүп тура тур", деп жаңы аяштарынын жанында отурду. Келин алуу, кыз берүү ызаат сыйлары жасалып бүттү, Мээримди кубалап ага-жеңелери менн эже-жезделери келип кетишти, анда беш миң сом коюшту. Зыйнаттын мында дагы көңүлү жайлана түшкөнү менен эки баласын ойлонуп ичинен сызып тим болду. Арадан он чакты күн өткөндө Мээрим эшик шыпырып жаткан.

- Ой келин, чаңын сапырбай суу сээп алсаң боло? - деди Сайра жүзүн тырыштыра мурдун чүйрүп, - Иш кылып көрдүң беле деги?

- Кылып эле жүргөм.

- Тилиң узун экен да?

- Сизчелик эмес, - деп болбой эле шыпыра берди.

- Ом-ээй, эмне деп жатасың ыя, мага теңелгиң келеби ыя, жанагы айбан кайда жүрөт, мени менен тең айтыштырып коюп, - деп жулуна үйгө кирди, - Султа-ан, ыя Султан, эмне деген балээни алып келгенсиң ыя?

- Апа эмне болду? - Султан чыга калды.

- Жогот тигиниңди, мени менен тең айтышпай жоголсун.

- Эмнеге апа? - Султан апасын бир, аялын бир карады.

- Эмнеге деп коет, сура тигинден.

- Апа, койчу эми, Мээрим айттырбай эле жасап жатат го, ал эми келиниң да, анча мынчаны байкамаксан болуп эле койсоң, - деп Султан апасын колтуктап жибитмек болгондо ал аны силкип жиберди.

- Эмне-е, сен аялыңдын тилине кирип калдыңбы, тууган энеңди ушул бир катындын алдына басынтасыңбы ыя?

- Апа, сизди кантип басынтам, ынтымактуу болсун деп жатпайынбы?

- Ооба, катының тигинтсе, өзүң минтсең, силерди төрөгүчө өлүп эле калсамчы, бир катындын көзүн карап, энесин түртүп салган, - деп ыйлап отуруп калды, Мээрим өзүнчө күлкүсү келди: "Дагы көрө элексиң, балаңды ээрчитип кетип калганда билесиң, ошондо чындап ыйлайсың, азыр коркутмак болуп жатасың, жалдырап калаарыңды билбей", - деп ойлонуп унчукпай өз ишин кыла берди. Кечинде өздөрүнчө бөлмөгө келген Султан келинчегин кучактап алып өөп:

- Мээрим, апама эмне дедиң эле? - деди.

- Эчтеке, өзү эле бакырып жатты.

- Койчу, урушту дейт го?

- Апаңа ишенсең апаң менен жашай бер!- ары бурулуп кетти.

- Таарынбачы жаным, апамдын бир аз кыялы бар, бирок бат эле жазылып калат, капа кылбай эле койчу.

- Ким капа кылып жатат, а менин жүрөгүмдү оорутканы кеп эмеспи?

- Эми улуу кишини укпай эле кой да сүйлөй берип басылат, - деп келинчеги менен апасынын ортосунда далдалчы болуп экөөнү ынтымактуу кыла албай убараланып жатты, - Апам ак көңүл, көрөсүң го, көнүшүп кетесиңер.

- Мен эчтеке дегеним жок го?

- Мейли эми, өзүң деле түшүнөсүң да, - Султан келинчегин кучактап жатып калды. Мээрим болсо өзүнчө ойго батып: "Энеңе мен эчтеке дегеним жок өзү сүйлөдү, менн дагы энем бар, өзү катылса катыгын берем", - деп ойлонуп унчукпай уйкуга кирди. Бирок Сайра сүйлөгөнүн койбоду, таң атпай туруп алып сүйлөнүп, идиш аягын кылдыратып кирип чыга берет, эртең менен туруп жатканда Султанды нукуп ойготту:

- Султан ойгонсоң.

- Мм, эмне болду, кое турчу уктап алайын.

- Туруп өзүң көрбөйсүңбү.

- Ийий, эмне болду? - деп ушалана туруп аялын карады.

- Ук, апаңдын эмне деп жатканын.

- Эмне деп жатат? - деп көзүн жүлжүйтө отуруп калды.

- Ушундан көрө өлүп калсамчы, балдарыма кадырым жок, туубай туна чөксөмчү, жаман келин алганча көрбөй эле өлүп эле калсамчы, келин албай кезик алдым, үйгө келгиз безерди алдым! - деген Сайранын үнүн угуп Султан башын мыкчып отуруп калды.

- Мен кетем Султан, мындайга чыдай албайм.

- Койчу эми, ал сүйлөп басылганда турасың жата бер.

- Кантип чыдайм, мени менен жашагың келсе биерден кетебиз.

- Кантип, апам жалгыз калбайбы?

- Анда мен кетем.

- Мен апама түшүндүрөм.

- Ушуга чейин түшүнбөгөн апаң эми түшүнөбү?

- Түшүнөт, мен айтам.

- Мен апамдыкына барам, сен түшүндүрө бер, - деди да Мээрим кийинип алып сумкасын асынып чыгып кетти. Аны Сайра көрбөй калды, балким көргөндө бирдеме дейт беле, көптөн кийин ичке кирди.

- Ой келин, турасыңбы же жокпу, келин албай балээ алганмын го, колум узарып, чекем жылыйт экен десе чак түшкө чейин уктаганы эмнеси? - деп сүйлөнүп киргенде Султан.

- Келиниң кетти, - деди башын көтөрүп.

- Каякка кетти?

- Үйүнө, сага жакпаса өз энесине кетсин.

- Ай бала, аялыңдын сөзүн сүйлөгөнүңдү токтотосуңбу ыя?

- Болду, сизди гана угам, - деп Султан кийинип туруп сыртка чыкты, - Кана апа, эмне кылайын?

- Мээрим кана балам? Деп кайра жумшара сурады Сайра.

- Апа-а, акыл эсиңизден айныган жоксузбу, мени эмнеге кыйнайсыз, Мээрим кетти дедим го? - деп Султан жаны кейий айтты эле Сайра ого бетер кыйкырып кирди:

- Кечээ келген катыныңдын сөзүн сүйлөйсүң, төрөп багып чоңойткон энеңди четке кагасыңбы? - деди жиндене.

- Апа, ага да тартпайм, жөн гана келиниң менен ынтымактуу болсун деп жатам.

- Ошонуңду жогот да өзүм тапканды аласың.

- Кимди?

- Насипти.

- Оой койчу апа, Насибиң мага жакпайт.

- Мээрим келгенде мага жаккан эмес.

- Эмне кыл дейсиң апа? - Султан башын мыкчый тегеренип кетти.

- Мен айтканга көнөсүң!

- Жок!

- Көнөсүң!

- Жок дедимби жок.

- Анда менден кечесиң.

- Ушинте бергениң жаман, - деп Султан ичкери кирип кетти.

- Мен айттымбы ошол! - Сайра эшикке чыкты, Султан жыйыла элек төшөгүнө кирип жатып алып ойлонуп жатты: "Мээримге эми кантип барам, апасы эмне деп ойлойт, киргизбей койсочу, апам минте берсе мен коколой башым менен өтүп кетем го, Мээримден ажырасам башкага үйлөнбөйм", - деп ойлонуп жатты. Сайра кайра кирип Султандын жатып алганына жини келип кыйкырды эле ал турбай койду. Сүйлөп-сүйлөп чыгып кеткенде туруп кийинди да эшикти акырын абайлап карап туруп Сайранын көрүнбөгөнүнөн улам шашыла чыгып кетти. Ал Мээримдин артынан жөнөдү, чынында турмуштун азап-тозогуна, ойку кайкысына чыдаганда гана адам баарын жеңе алат эмеспи, Султан өз жашоосу үчүн күрөшмөк болуп үйүнөн чыккан эле…

Толубай келиндер менен жүрүп кайрадан үйүнө кетүүнү унутту, Эрмат экөө анда-мында иш чыкса иштей коюп, колу бошогондо Наргиза менен жолугуп жүрүп акыры экөө үйлөнүп тынышты, Жамал ак көңүл болгондуктан ичинен тынып кызынын бактысын тилеп тим болду, бир жолу гана:

- Кызым, тиши чыккан бала чайнап берген аш болбойт дегендей эми менсиз дагы өз тагдырыңды чече турган куракка келдиң, мынчалык болгондон кийин сага кандай айтсам дагы болбойсуң, бактылуу болушуңду гана каалайм, - деди Толубай болуп отурганда, - Кулактууга бир айт, кулагы жокко миң айт дегендей, экөөңөр тең жаш эмессиңер, жакшы жашагыла, экөөңөрдө тең дос - душман бар, намыс кылып уят болбогондой жашагыла, - деди.

- Апа, - деди Толубай, - Мен сиздерди уят кылбайм, Наргиза экөөбүз жакшы жашайбыз, сиз кабатыр болбоңуз.

- Эми силерге менин айтаар сөзүм бири-бириңди угуп ынтымак менен гана жашасаңар жеңесиңер дегим келет, ата-энеңдин алдына алып бар балам.

- Ооба, бир аз иштейин, анан барабыз, - дегенде Наргиза дароо Толубайды карады, ал аны байкамаксан болуп сүйлөп жатты, - Мен Наргизаны жакшы көрөм.

- Ошондой эле болсун айланайын балдарымдын бактылуу болгонун көрүп мен дагы бактылуу болуп калайын.

- Апа, мен сизди капа кылгым келбейт, бирок биз өзүбүзчө бөлүнүп жашасак болот эле…

- Ботом, адегенде жашай турган болуп керектүүңөрдү алып, анан деле бөлүнгүлө, батирге төлөгөнчө туруктуу жумуш табышыңар керек, адегенде экөөңөр ата-энеңердин алдына барып бата алып келгиле, болбосо минтип жүргөнүңөр болбойт, - деди Жамал кызын тымызын карай.

- Апа, ата-энесинин алдына барууга шашпай эле коелучу, Толубай айтып жатпайбы, иштеп акча табайын деп, - Наргиза апасына жини келгендей карады, - Акыры барабыз да.

- Апа, эртең агамдын жашаган үйүн таап алайын, анан көрөм, - деди Толубай, ошол бойдон унчугушпай калды. Толубай менен Наргиза ээрчишип кечке маал бир жакка кетишти, аларды Эрмат менен Алима чакырган болчу, алар мурун үйлөнүп өздөрүнчө жашап жатышкан, Эрматтын туулган күнүнө жөнөп жолдон гүл менен сервиз алып алардын батирине кирип келишти.

- Туулган күнүңөр менен!

- Туулган күнүң кут болсун!

- Оо келгиле, келгиле! - деп Эрмат менен Алима кучак жая тосуп алышты.

- Кандайсыңар, жакшы турасыңарбы?

- Эң сонун, өзүңөр кандайсыңар?

- Баары ойдогудай, төргө өткүлө, - деп Эрмат аларды төргө өткөрдү, Алима кичинекей батирде чакан дасторконун жайып, плитага тамак жасап жатыптыр, маанайлары ачык, бакылдашып көпкө отуруп ак моюндан алып отурушту.

- Кана Толубай дос, сен бир жакшы сөз сүйлөп кой эми, - деди Эрмат Толубайды карап.

- Макул эми Эрмат, туулган күнүң кут болсун, Алима экөөңөрдүн кармашкан колуңар ажырабай узак жыл жашап бактылуу абышка-кемпир болгула, үйүңөрдө баланын үнү, күлкүсү жаңырсын.

- Айтканың келсин.

- Айтканыңар кабыл болсун, - дешип төртөө бакылдап андан кийин Наргиза сүйлөдү, Эрмат менен Алима сүйлөп орто кызуу болуп калганда дасторкон жыйналып жатып калышты. Эртеси туруп алып Эрмат менен Толубай жумушка кетишти, Алима менен Наргиза экөө өз иштерине жөнөгөндө жолдон:

- Наргиза, Толубай экөөңөрдүн жашооңор кандай? - деди.

- Жакшы, кандай дейсиң, мен туура кылдымбы же…

- Жакшы эле жигит го?

- Дурус эле, бирок аялы бар немеге бекер байланып алдымбы?

- Өзүң билесиң, ушул убакка чейин аялы ушуну күтүп жүрөт дейсиңби?

- Билбейм, мен ошону апам билбесе экен деп жатам.

- Коркпо, ал эмдигиче кетти, эч качан күйөөсү жок аял күтүп отурбайт, балдарын ташташы мүмкүн, ата-энеси бар тура, бага берет, Эрмат жакында эле энемдин алдына алып барам деп жатат.

- Жакшы болот, барып келгиле.

- Силер биз менен барасыңар, жалгыз кантип бармак элем, сени курбум катары ээрчитем, даяр бол, - деп Алима күлүп койду.

- Сен жүр десең барбай койчудай алым жок, меккеге десең дагы даярмын курбум, - Наргиза аны колтуктай эки курбу кубанычтуу кетип жатышты.

- Эмесе көрүшкөнчө, менин маршруткам келип калды.

- Көрүшкөнчө, - Эки курбу өз-өзүнчө маршруткага түшүп жөнөй беришти. Бул жашоодо кимдир бирөөлөр кыйноосуз даңгыр жолго түшүп кудайымдын эрке баласындай жашап өтсө, бирөөлөр таштан ташка урунуп, аңга түшүп же бирөөгө кабылып, сел менен кошо агып акыры бир мураска жетсе, кээси ошол ылайланган сел менен агып, акыр чикирге айланып дайынсыз жок болот тура. Наргиза Толубайды сүйдү, ал дагы сүйөт деп ойлойт, бирок алдыларында кандай дагы азап-тозок турганын сезишпейт. Алиманы Эрматтын ата-энеси кандай кабыл алат аны көрө жатаарбыз.

Эрмат жан үрөп иштеп акча чогултуп анан энесине барганга даярданып үч күн калганда айылдык таксиден кат берип жиберди. Апасы Канымжан жоош момун аял, катты алаары менен абысын ажынын, туугандарын чогултуп алып, эже-сиңдисин, инисин алдырып үйүндө кеңешип отурду.

- Эми силерди чакырганымдын себеби бул, Эрмат бул эле Өмүрбектин өзү менен окуган кызы Алиманы алып келгени жатыптыр, буга эмне дейсиңер?

- Өзү кааласа мейли, - деди бир тууган кайниси Адылбек.

- Ооба, көңүлүнө жакса үйлөнсүн.

- Андай болсо мурун эле ошону албайт беле?

- Ошону айтсаң, баласы чоңоюп калды, аялын кетирип ийип шаарга Алиманы издеп кеткен экен да? - дешип ар кимиси ар кайсыны сүйлөп киргенде Канымжан.

- Мен силерди кеңешип барыма-жогума каралашат дегенмин, - деди баарын кыдырата карап, - Кадырбектен короо толо кой калган эмес, капчык толо акча жок, өзүм өкмөттүн берген пенсиясы менен күн көрөм, Арзымат деле шаарда жыргап кетпесе керек, кыздарды айттырып ийдим, колдорунан келгенин алып келээр, эртең келип калышат, Өмүрбектин колунда бар, мени тоготоор бекен? - деп жер карады.

- Кызы такыячан келип атты беле, алар деле ойлоноор, бактылуу болушун, - деди абысыны Какен.

- Мен инимден эмнени аямак элем, мен бир союш берейин, - деди Адылбек, - Үстүнө үч миң сом кошуп берем.

- Мен дагы бир союш алып келем жеңе, - деди мындайыраак кайниси, - Анан дасторконго коюучу таттууну алдырып келейин.

- Биз куру калмак белек, Эрматтын келинчек алганына бир торпок, - деди өз иниси Турдубек, - Эки кап унду жүктөтүп келем.

- Кийит кечеден кам санаба эже, калганы бизден, - деп сиңдилери айтканда Канымжан кубанганынан ыйлап ийди:

- Ыраазымын айланайындар, элдүү түлкү ач калбайт деген ушул, уулумдун ага-тууганы, эже-тагалары бар экен, кудайга ыраазымын! - деп ийди. Ошол эле күнү айткандары эшигинин алдына келип, келиндер боорсок жасап, дасторконго койчуларын даярдап, эшигинин алдына эл толуп эки жагын тазалап, үйүн актап келин келгенге даяр болуп күтүп калышты. Бул кабар Өмүрбектин аялына жеткенде таңгалганына күйөөсүнө айтты:

- Ээ Өмүш, элден шыбыш кеп уктум, чын төгүнүнө көзүм жетпей турат да.

- Эмне деген шыбыш экен ал?

- Кызың Кадырбектин баласы Эрматка тийген го?

- Эмне-е?

- Ошо, Канымжан тууган уругун жыйып камынып жатыптар.

- Ырас бекен ушу? - деп кайра аялын ормое карады, - Калп болуп жүрбөсүн, баягы катын ушактын биридир?

- Эртең көрөбүз да, - деп Гүлай тим болду.

- Кысталактыкы, ушунчадан куу токум Кадырбектин баласына барабы? - Өмүрбек ойлуу отурду, - Мейли, бактысына туш келсе барат да, Эрмат жаман бала эмес, андан көрө кызың ошонун кадырына жетээр бекен, жакшы жерден кетип калды эле.

- Куда болгуча кулу бийиң сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш деп бекер айтпаган экен да, Канымжан менен ушу жерде туруп бир катар баскан жок элем, эми кашына отуруп чай ичет экенмин да-а, - деп Гүлай нааразы болгондой сүйлөдү, ал өзү өтө текебер, анча мынчаны тоготпой барлыкка манчыркаган аял эле, күйөөсүн каршы болоор деп күткөн, ал унчукпай калганда аргасыз унчуга албады: "Аттиң, балаң сөзүңдү укпаса тең келбеске теңелип, баркы жокту баалап, алтын чөйчөгүмдөн чай берет экенмин да, ошол Канымжанды теңиме алып кала турган болдум, ошонун жер кепедей желпийген үйүнө баш багат турбайынбы", - деп ойлонуп жатты. Бул адамгерчиликсиз, өзүн адамдан жогору көргөн, насили пас адамдын ою эле. Мындай ала келсе ошол Канымжан жаткан жерге, ошол оронгон акка оронуп өзү дагы жатаарын ойлободу. Байлыкты адамгерчиликтен жогору койгон ушуга окшогондор канча өмүрдү кор тутуп, таза сезимдерди карайтып, өмүрүн караңгы түнгө айланткандар канча? Көзү өтүп кеткен аалымдардын: "Күлүктү минип сүлкүлдөгөн сен да өтөөрмүн, көк чепкеним жонуман түшпөй мен да өтөөрмүн, бирок тиги дүйнөдө мен сени көк эшек кылып минээрмин", - деген сөзүн ар бир пенде жадына сактай жүрсө жакшы болбос беле.

Күткөн күн келип Эрматтар такси менен келип калышты, Толубай менен Наргиза дагы чогуу келишкен. Жардана тосуп турган туугандарын көргөндө Эрмат толкунданып кетти, такси токтоору менен эле эки-үч аял жетип келишти:

- Куш бооңор бек болсун айланайындар! - деп Какен таксинин эшигин ачып Алиманы алып чыкты, Алима өзү дагы аппак жоолукту артына салынып алган эле.

- Келгиле балам, келгиле айланайын, - деп карылар Эрматты колтуктап куттуктап өөп жатты, Алиманы үйгө алып киришти. Канымжан чачыктуу аппак жоолукту салып, эки бетинен өөп:

- Бактылуу болгула садага, - деп жетине албай калдактап жатты, келин отурган үйгө дасторкон жайылган, Эрматтын айылдагы классташтары чогулуп келип калышты, эжелери жоолук салып, туугандары менен коңшулары келип жатты.

- Насипке айла жок да, капырай Алима өзүбүзгө келин болуп келип калганын кара.

- Ооба десең, з өлтүрбөйт, жат жалгабайт дейт эмеспи, кантсе да өзүбүздүн кыз.

- Анан эмне, Канымжан байкуш момун аял, кызындай эле күтүп алат, - дешип кирип отургандар сүйлөшүп жатты.

- Ай жеңе, тигил үйдүн дасторконун жайып, Өмүрбектикине балдардан жөнөт, - деди Какен бир кезде. Ошондо Алима селт этип алды, апасынын кыялын билчү, мурунку күйөөсүнүн апасын теңсинбей ажырашканы ошол болгон, аны Өмүрбек билбейт.

- Сен бери чыкчы, - деп Какенди Канымжан эшикке чакырды, ал чыгаары менен, - Ай, жөн эле жөнөтө беремби, жок дегенде ырымын кылабызбы? - деди.

- Аны кайнилериңден сурайлычы жеңе, - деп ар жактагы Эркектерди көздөй басышты, - Ай Адылбек бери басчы.

- Эмне болуп кетти?

- Бу Өмүрбектер эмдигиче укту, бирөө жарымды жиберебизби ыя?

- Ооба, жибербесек болбойт да.

- Ой бала, бирдеме берип жөнөтөбүзбү? - деди Канымжан.

- Эрмат кайда жүрөт?

- Жүргөн ушул жерде.

- Азыр мен аны мен сүйлөшөйүн деп ары барып Эрматты чакырып келди, - Эрмат, эми сен өзүң айтчы, келиндин ата-энеси карыш жерде турат, угуп жаткандыр, эми калың бермек белек, кыз калыңы болбосо дагы каадасы менен деп коет, эмне кылалы?

- Аке, Алима эч кандай чачылбагыла деген, Бирок мен өзүм беш миң сом алып келдим, бир кой меен жеткирип коюшубуз керек, ошону мен бүтөт да.

- Азамат, союш даяр, беш миң дебе, үч миң менен бир кой жеткирип коелу, - деп Адылбек сөзүн бүтүрүп ары кеттим, кеч күүгүмдө Өмүрбектикине бир кой менен үч миң сомду алып Адылбектин улуу баласы Сейитбек алып барды. Дарбазасын такылдатканда эле баласы чыкты:

- Өмүрбек байке барбы?

- Ооба.

- Алима бизге келин болуп келди эле, ачуу басар алып келдик.

- Азыр, атама айтайынчы, - деп Дуулат ары кетти, ошондо Өмүрбек ары жактан эле:

- Кирсин! - дегени угулду.

- Кириңиздер, - деп Дуулат дарбазасын кең ачканда алар койду жетелеп киришти.

- Келгиле-келгиле балдар, - деп Өмүрбек алдынан чыкты, Сейитбек менен Үсөн кол алыша учурашып калышты, - Уктук, насипке айла жок экен, кудайдын буйругуна пенде каршы чыга алмакпы? - деп үйүн көздөй үн салды, - Ээ Гүлай, конок келди!

- Биз кайталык байке, сизге рахмат, - Сейитбек, кетмекчи болгондо Өмүрбек аларды токтотту.

- Жок-жок балдар, мунуңар болбойт, эми биз кудабыз, жөнөкөй адамдар эмеспиз, мурун дагы коңшу, бир айылдык элбиз, эми бир тууган болуп калдык, - деп болбой ичке киргизди. Өмүрбек чынында тээ илгертен мал жандуу, автоловка айдап жүрүп дүнүйөнү жыйган киши эле. Бирок абдан түшүнүктүү, эл аны кеп кылып: "Бу Өмүрбектин жылкысы эле бир совхоздун жылкысындай бар, кою болсо бир отор", - деп кеп кылып калышаар эле. Сейитбек менен Үсөндү тамак жасап коноктоп, импорт арактан бузуп берип, бир сыйра кийгизип анан узатты. Муну уккан Алима ичинен кубанып калды. Эрмат Сейитбек агасына жолугуп көңүлү жайланып калды. Эртеси Өмүрбек эки келини менен уулун, кыз-күйөөсүн жөнөтүптүр. Эки жак балдарга бак-таалай каалап тим болушту. Толубай менен Наргиза үч күн туруп анан кетмек болду эле Эрмат.

- Дос, биз чогуу кетебиз, азыр кетем дебегиле, - деп койду.

- Иш калып жатат Эрмат, бизди түшүнчү.

- Жо-ок, буйруса чогуу барабыз дагы иш таап иштейбиз, Алима экөөнү үйгө отургузуп коебуз, - деп агасы Сейитбектин айтканын ага айтты эле кубанып кетти.

- Жакшы болгон тура, андай болсо сонун болоор эле.

- Көрөсүң, Сейитбек байкемдин өзүнчө бригадасы бар экен, мен такыр билбепмин, дарегин алдым, ал экөөбүздү сөзсүз алат, аларда иш токтобойт экен, чоң-чоң объектилерди куруп жатыптыр, өзү прораб болчу.

- Болду анда, сага ишенем.

- Наргиза, Алиманы жалгызсыратпай тура тур, - деп Эрмат аяшына кайрылды, - Буйруса Толубай экөөбүз түбөлүк дос болобуз.

- Макул, достошконуңарга тилектешмин, - деп Наргиза жылмая күлүп койду. Алима сыртта казан-аяк кармап жүргөн эле, кирип келип:

- Наргиза, бери келсең, - деп калды.

- Эмине болду Алима? - Эрмат озуна сурады.

- Эч нерсе, отура бергиле, - деп Наргизаны колтуктап кайра чыгып кетти. Анткени өзүнүн жеңеси жолуксун деп айтып жибергендиктен жалгыз жолуккандан тартынып Наргизаны чакырган.

- Эмне болду? - деп Наргиза дагы сурады сыртка чыккандан кийин атамдар Эрматка бермек эмес, аябай жинденип жатса керек.

- Ошол элеби? - Наргиза күлүп калды.

- Орчундуу эч нерсе жок.

- Ошондой эле болсун, - Эки келин сүйлөшүп жеткенчекти короо четине келип калышты, аларды күтүп турган аял Алиманы көрүп бери басты.

- Кандай кыз, ден-соолуктарың дуруспу, күйөө бала жүрөбү? - Өөп койду.

- Жакшы жеңе, өзүңөр кандай, апам мага таарынган жокпу?

- Таарынмак турсун кан басымы көтөрүлүп жатат.

- Жакшы элеби анан? - Алима үрпөе карады.

- Сени көрөм дейт, түндөп барып келишиң керек.

- А күндүзү барсам болбойбу?

- Сен кандай кишинин кызысың, көргөн эле наала кылбайбы, төркүлөтпөй эле келтирип алды деп, башка сөз айтпа, күүгүмдө келем, мени менен барасың, - деди да басып кетти, Алима эмне кылаарын билбей отура калып ыйлап калды.

- Наргиза көрдүңбү, апам мени чакыртып алат дагы жибербейт, эми эмне кылам, айтчы Эрматка эмне деп түшүндүрөм?

- Койчу Алима, андай эместир, балким чын эле ооруп жаткандыр, барса барып көрүп кел, кантип эле жибербей койсун.

- Билбейм, апам Эрматка тийгенимди жактырган жок, ошону үчүн ооруп мени алдырып алгысы келип жатат, - деп ыйлап жатканда Эрмат менен Толубай чыгып бери көздөй басканда:

Алима тур, Эрмат келе жатат, - деди Наргиза, Алима тура калып көз жашын аарчып тазалап аларды көздөй экөө тең жөнөдү.

- Ой силерге эмне болду? - Эрмат жетип-жетпей суроо узатты.

- Эчтеке, - деп суз жооп кылды Алима.

- Алима сен ыйладыңбы? - Эрмат үйрүлө көздөрүнө тигилди, - Эмне болду жаным?

- Апам ооруп калыптыр, - деди Алима жер карай.

- Ким айтты?

- Жеңем келип кетти.

- Эмне кылайын дейсиң анан?

- Барып көрүп келишим керек эле…

- Жүрү апама кеңешип көрөлү, - Эрмат Алиманы колдон ала жетелеп үйдү көздөй тез-тез басып жөнөдү, - Апам макул болсо барып келе бер.

- Эрмат, мени укчу.

- Жо-ок, апам жиберет, ал каршы болбойт.

- Эрмат дейм!

- Унчукпа, апам эч нерсе дебейт, тартынбай эле койчу, - Эрмат оюнда Алиманы тартынып жатат деп ойлоп жетелеп алып апасына келди, экөөнү көргөн Канымжан элээ карап калды, - Апа, Алиманын апасы ооруп жатыптыр, барып келсе болобу?

- Эрмат.

- Эмне болуптур балам, түшүндүрүп айтчы.

- Апасы ооруп калыптыр, жеңеси келип айткан экен, - дегенде Алима жер карап Эрматтын колун силкип жатканын байкап Канымжан ойлонуп калды, - Апа, бара берсе болот да туурабы? - деп Эрмат апасынан жооп күтүп туруп Алимага карады.

- Ботом, кечээ эле келсе, эл-журт деген бар, анда бир союш союп экөө-өргө кошулуп жеңең менен теңтушуңар кошо барсын, жол-жобосу менен болбосо болбойт балам, мен камыр жууруй коеюн, сен Толубай экөөң койду сое койгула, күн али эрте, кечке даяр болуп калат, - деди Канымжан токтоо. Эрмат сүйүнүп кетти:

- Көрдүңбү Алима, апам ушундай алтын адам да, эч качан каршы болбойт дедим го? - деп апасын көтөрүп алып тегеретип түшүрдү да эки бетинен өөп-өөп алды, - Алтын апам менин, дүйнөдө менин апамдай эч ким жок Алима!

- Болду эми балам, андан көрө ишке киришели, Алима менен Наргиза мага жардамдаша койсун, - деп Канымжан күлө уулун өөп койду, - Дагы эле кичинекейсиң да-а.

- Болду анда, ишке кириштик.

-Апа, - деди тартына карап, - Апа, убара болбой эле койгулачы, мен өзүм эле барып түндөсү көрүп келем.

- Эмнеге балам?

- Апа, апамды өзүм эле көрүп келе калам.

- Куда-кудагый эмне дейт ботом, каада-салтты билбеген немелер экен дебейби?

- Андай болбойт, жеңем кечинде алып кетип жеткирип коем деди.

- Ошол кантип болсун, мен антип келинимди соксойтуп жөнөтө албайм, өз жолу менен жиберем, - деп айткан Канымжан ишине киришти, бирок жүрөгү кыжаалат болуп: "Эмнеге түндөп алып кете экен, мени адам катары эмес каакымча да көрбөгөнү го, мен ага жол бербейм, эшигиме адам келди, бүлөөмө-бүлө, башыма баш кошулду, аны мен адамча тутунуп алышым керек", - деп ойлонуп арыдан-бери боорсок бышырганча Какенди чакырып келди. Союшту союп бат эле казанга салып, таттуу-тарапаны алдыра койду, кийит-кече даярдап, кечке маал Эрматтын классташынын машинасы менен беш киши болуп жетип келишкенде Гүлай сыртта жүргөн, машинанын үнүн угуп дарбазасын ачып чыга калганда токтогон унаадан Алима түшүп келе жатканын көрүп артка чегине албай калды. Машинадан баары түшүп келе жатканда Алима барып апасын кучактамак болду эле ал өзүнө жолотпой ары түрттү.

- Мен сени жалгыз кел дебедим беле?

- Апа, мени уят кылбачы! - Алима ыйлап жиберди, аңгыча Какен басып келди.

- Кандай кудагый, ал-абалыңыз жакшыбы?

- Кудайга ш-шүгүр! - деп терс бурулду Гүлай.

- Апа! - Алима чаңырып жиберди, - Менин өлүшүмдү каалап жатасызбы? - дегенде үндү угуп арытан Өмүрбек чыга калды, Алима жерге тизээлей отуруп ыйлап жаткан, Какенден арыта Толубай менен Наргиза делдээ карап турушкан. Өмүрбек аялын акшыя бир карады да:

- Кызым, тур өйдө, эмне болду? - деп Алиманы колтугунан өйдө кылды, - Кызым, акыбалың кандай?

- Ата-а! - деп бакырып кучактап калды, Гүлай мурдун чүйрүй ичке кирип кетти.

- Кой кызым, ыйлаба, - Өздөрүн карап селдээ тургандарга карады, - Булар сени мененби?

- Ооба ата, - Алима соолуктап жатып жооп берди.

- Куда, биз кудагый ооруп жатат дегенинен эле алып келдик эле, - деп Какен озуна айта салды.

- Ким айтты эле?

- Шакен жеңем барган, - деди Алима.

- Ка-ап иттики десе, киргиле үйгө, - деди тигилерге карап, - Киргиле балдарым, - деди да бир нерсени ойлоп эки жакты карады, - Бу күйөө бала келген жокпу? - деди Алиманы карап, Эрмат кайненесин көрүп машинадан түшпөй отуруп алган эле.

- Ата, ал уялып машинада отурат, - деп Алима көңүлү ордуна түшө кубанычтан күлүңдөй карады.

- Айла-анайын сары кызым десе, апаңдын койгон оюнуна кабылган экенсиңер да, - деп кызынын кулагына шыбырап койду эле ал машинаны көздөй жөнөдү, - Кана кудалар, ичкери киргиле, кудагыйыңар тамашалаган экен да, киргиле кудагый, - деп аларды баштап кирди, уул-келини аларды жакшы кабыл алып үйгө киргизди, Наргиза менен Толубай кирип баратып үйдүн жасалгасына суктанып бөлмөдөн-бөлмөгө өтүп чоң залга кирип андан бетер ооздору ачылды: "Ушундай байдын кызы шаарда болоор-болбос жумушта иштеп жүргөнүн кара", - деп ойлоп койду Наргиза. Аңгыча Алима Эрматты ээрчитип кирди, Гүлай үн катпай өз бөлмөсүнө отуруп алды. Алима акырын кирип:

- Апа, менин бактылуу болушумду каалабайсыңбы? - деди акырын.

- Сен ошол куу казандын баласы менен бактылуу боломун деп жүрөсүңбү? - Кызын жеп жиберчүдөй карады, - Өмүрү жарышкан жок, карандай чай менен отурган томояктан эмне көрөөр экенсиң?

- Апа, бирөөнү кордобой жүрчү, алар деле адамдар да, колунда болбогону менен жүрөгү таза, пейили кенен адамдар экен, эч качан көтөрүлбөгөн, бирөөдөн өзүн өйдө көрбөгөн адамдар экен апа, сен аны түшүнбөйсүң, бүт оюңдун баары дүнүйө, байлык болуп калган апа! - деди да Алима ыйлап чыгып кетти. Гүлай жини келе анын артынан чыкканда Өмүрбек менен беттеше түштү.

- Эмне болду сага байбиче? - деп аялына жаман айтпай жылмая карады, - Конокторду тозолу, кудагыйдын берген кешигин ачып ооз тийели, келин сенден ийменип ача албай жатат.

- Кешиги сага буйрусун!

- Ай-ай байбиче, конок бар үйдө.

- Конок болбосо койсун, өзүңөр тозо бергиле.

- Кызыңдын көңүлүчү, таздын көөнү болбосо кыздын көөнү дейт эмеспи байбиче!

- Башымды оорутпай өзүң күтө берчи! - деп коюп сыртка чыгып кетти, Өмүрбек бир аз турду да башын чайкай залга кирди, келини Зехра өзбек кызы, ал конокторго эбак эле чай куюп тейлеп жаткан. Уулу Бекжан жеке бизнес менен алектенет, бир айдан бери гана үйдө болуп жаткан. Зехра кайната-кайненесин абдан ызаат кылып турат, эки баласы бар, экөө тең орусча сүйлөшөт.

- Ийи коноктор, зерикпей отурасыңарбы? - деп конок үстүнө кирди Өмүрбек, сыртынан сыр билгизбегени менен аялына аябай нааразы, жаш кезинде далай эле уруп-сабап жүрдү, балдары чоңойгон соң унчукпай жайына койгон, мындай адатты өлгөндө гана көр түзөйт деп коюшат эмеспи: "Жаманга бир айтканча камчы менен бир тарт", - деген сөз бар, түшүнбөгөнгө айткан кайран сөз. Ичинен аялынын түшүнүксүздүгүнө ичинен кейигени менен сыртынан эч нерсе болбогондой отурду. Эрмат күйөө бала болуп созулат, Толубай менен Наргиза жаш, Какен гана сөзгө аралашып отурду.

- Куда, биз бири-бирибизди билебиз, балдар минтип табышып алыптыр, шашылыш эле жупуну келе койбос элек, түшүнгүлө, жеңем байкуш жол-жобосунун кылам деди, азырынча кыз-күйөөнү үйүнө куру барбасын деп эле жөнөттү.

- Эчтеке эмес Какен, бири-бирибизди билбесек бир жөн, эчтекенин кереги жок, мен Алима кызыма дароо үй белек кылам, шаарга кетишсе кошо барам дагы үй алып берип келем, жарайбы кызым? - деп Өмүрбек Алиманы караганда ал туруп келип атасын кучактап өөп-өөп алды:

- Рахмат ата, мен сизге ишенем.

- Болду-болду, айтканым айткан, кандай үй каалайсыңар?

- Кандайы болсо да боло берет, - деп күлдү Алима.

- Анда барганда көрөбүз ээ кызым, жетишет шаардын жашоосун өз каалооң менен көрүп келдиң, - деди Өмүрбек бакылдай. Аларды союш союп коноктоп кыз-күйөөсүнө кийимдин жакшысын кийгизип, кешик салып берип эртеси жөнөттү. Какенге дагы бир сыйра кийгизди, кудагыйга куймулчак берип, Гүлайды уулу Бекжан урушуп кызы менен элдештирип анан үйүнө узатып коюшту. Канымжан болгон окуяны угуп ичтен тынып калды. Бир жума жүрүп Өмүрбектер берген төшөнчүлөрүн, Канымжандын бергенин алып Бекжан өзүнүн машинасы менен шаарга алып келди, эки күн үй издеп жүрүп шаар ичинен көп кабаттуу үйдөн үч бөлмө үй сатып алышты, дароо эле өткөрүп берип анан Өмүрбек кыз-күйөөсүнө кайрылды:

- балдар, эми өз оокатыңарды жакшы өткөргүлө, Эрмат мен сага ишенейин, Алима экөөң тең менин балдарымсыңар, бактылуу болгула.

- Рахмат ата, мен сиздерге ыраазымын, - деп Алима кубана атасын кучактап өөп алды, - Менин атам ушундай бир сонун адам да, сизден башка бирөө болсо апамдын тилине кирип мени кечирбей коймок.

- Рахмат ата, - деди Эрмат дагы, - Биз сиздерди уяткарбайбыз.

- Ошенткиле балдар, мейли эми, мен кайтайын.

- Жакшы барыңыз ата, апама бизден салам айтыңыз.

- Айтам, өзүм алып бир күнү кудагый болуп келип кетебиз.

- Чын элеби ата, апам дагы келеби? - Алима кубанып кетти.

- Келет кызым, апаң сени кечип кетмек беле? - деп Өмүрбек Алиманын чекесинен өөп, Эрмат менен коштошо чыгып кетти. Эки жаш бардык шарты бар үч бөлмөлүү үйгө киргенине ишене алышпай бири-бирин кыса кучактап ыссык өбүшүп көпкө турду.

- Биз бактылуубуз Алиш, бактылуу болоорума ишенгем.

- Мен дагы, апамдын анча-мынча ажыкыс кыялына чыдап кой ээ Эрмат, - деп Алима апасы үчүн уялганын жашырбады.

- Эч нерсе эмес, сен турганда башка нерсени ойлобойм дагы, кел Толубайларды чакырып бир аз үйдү майлап коелу.

- Давай, мен каршы эмесмин.

- Анда мен аларга барып келейин, сен даярдана бер, эт-аш болсо бар, андан кийин иштеп үйдү толтурабыз, балдарыбыз көбөйүп батпай калганда дагы үй алабыз жарайбы? - Эрмат келинчегин өөп сыртка чыкты: "Ээх сүйүү-сүйүү, мен бала кезде сүүүдөн адашпаптырмын, бул болсо тагдырым, кечигип экинчиси болдум, ушуга дагы шүгүр, өзүм каалаган аял жанымда", - деп ойлонуп эргий жолдо кетип жатты, Толубайдын кайненеси жашаган батирге барган: "Демек алар үйдө болуш керек, Толубай болбосо дагы Наргиза бар", - деп барса экөө тең үйдө экен.

- Оо кел дос, кайдан шашылып? - Толубай тура калып учурашты.

- Силерди издеп келдим, биз үйлүү болуп кубанып жатсак силер жай гана отурасыңар, уят эмеспи ыя? - деп тамашалай баш тийиштире кетти.

- Силерди кененирээк издеп каалагандай үй ала берсин дебедикпи, анын үстүнө кайнатаңдан тартындык, - Толубай күнөөлүүдөй ырсайды.

- Аны түшүнөм, бирок а киши андай эмес, ак көңүл экен, көрдүңөр го өзүңөр, жүргүлө кеттик.

- Кайда, отурсаң боло? - Наргиза чебелектеп ийди.

- Силерди чакырып келдим, дагы бир дос бар, алар дагы келишет, үйдү мындай эле майлап коелу, башкасы кийин болот, кубанычты достор менен бөлүшпөсөм болобу?

- Туура дос, бирок сен бара тур, биз кеңешип-таңашып алып анан барабыз, - деп күлдү Толубай.

- Койсоңорчу, мени менен эле баргыла, Алима мени соттоп жүрбөсүн?

- Соттобойт, биз кечикпей барып калабыз ээ? - деп Наргиза дагы Толубайды коштоду. Эрмат аларды түшүнүп чай ичип бир аз отурду да кетти. Наргиза ал кетээри менен, - Эмне кылабыз, куру барганыбыз болбойт, сыйын көрүп кийимин кийип келип унчукпай койсок туура болбой калат го? - деди.

- Мен дагы ошону ойлоп барбай калдым, эми эмне кылабыз?

- Апама баралы да акча сурайлы, карызга сурайбыз.

- Уят го?

- Мен түшүндүрөм, апам аябайт.

- Макул жаным, төлөп беришти мага кой.

- Бол анда кеттик, - Экөө кийинип Жамалдын дүкөнүнө келишти, Наргиза апасынын ар жак, бер жагына чыгып жатып зорго акча алды да тез эле жолго чыгышты, базар тарап жаткан эптеп түшүрүп чакан килем менен арак-шарап сууларды алып алардын жаңы үйүнө жетип келип эшигин такылдатты.

- Оо келгиле - келгиле, - деп бакылдады Эрмат ачып эле.

- Келдик, үй кут болсун!

- Үйүңөр куттуу болсун, - дешип экөө менен экөө өбүшө таттуу учурашып анан ичкери кирип бөлмөлөрдү көрүп чыгышты, азын оолак буюмдардан башка эч нерсе жок эле, Оой дос, Алима ушул үйүңөр кут болуп, балдардын күлкүсүнө толуп, бактылуу чал-кемпир болгула, - деп Наргиза алып келген килемин төргө салганда Алима абдан кубанды:

- Ыраазымын курбум, айтканыңар келсин.

- Ар дайым ишиңер ийгиликтүү болуп өнүп өскүлө дос, - деп Толубай дагы кубанганын жашырбады, андан соң Эрматтын классташы Элмирбек келди аялы менен. Чогуу дасторкондо отурушту. Алима сүр эттен тамак жасап алдыга алып келип ак моюндан кылк эттирип бакылдашып, өткөндү эстеп жатышты.

- Алима, сен эч кимди тоготпогон текебер кыз элең, Эрматка кандайча чыгып калдың? - деди классташы Элмирбек.

- Мен өзүм ошондо эле энчилеп койгомун да, эрмат каткырып калды, - Алима тоготпой жүргөндө акыры өзүмдүкү болосуң дегемин, мына эми меники, - деп Алиманы өзүнө тартып өп койду.

- Ооба да, Эрматты мени ала качабы десем унчукпайт, анан эмне кылайын, өзүнөн көрсүн, - деди Алима.

- Бактылуу болгула, эми алдыдагы келечегиңер жакшы болсун.

- Айтканыңар келсин, силер менен бирге ушинтип ак дасторкондун үстүндө жүрө берели.

- Ооба, жашоодо жакшылыктар али алдыда, достугубуз күчөп, ынтымагыбыз бекем, жашоодогу ой-максаттарыбыз ишке ашып түбөлүк даамдаш болуп жүрөлү, - дешип бакылдашып түн бир оокумга чейин отуруп ырдап, бийлеп таң атканда жатышты. Ошентип Элмирбек кеткенден кийин Толубайга Эрмат:

- Дос, биз Алима экөөбүз кеңештик, силер бир бөлмөдө тура бергиле, кайненең менен тургандан кысынып жүргөндүрсүң, - деди.

- Наргиза эмне дээр экен? - Толубай Наргизаны карады.

- Апам жалгыз калбайбы?

- Албина бар го?

- Ал жаш, апама кеңешип, сүйлөшкөндү билбейт.

- Наргиза, атадан бала, энеден кыз бөлүнөт экен го акыры, силер өзүңөрчө жашаганыңар жакшы, - деди Алима курбусуна, - жакшысы күйөө баладан кайнене тартынат, экөө бири-биринен тартынып кызыктай эле болот, андан көрө бөлөк турганыңар жакшы эмеспи?

- Иий Алима, ойлонуп көрөйүнчү.

- Толубай экөөңөр чечкиле, биз айтчубузду айттык.

- Рахмат силердин пейилиңерге, мындай сунушту азыр бир тууганың дагы айтпайт, - деди Толубай досуна ыраазы боло.

- Ооба-ооба, заман ошондой болуп калбадыбы, - Наргиза күйөөсүн коштой сүйлөдү, - Силердин пейлиңерге ыраазыбыз.

- Толубай экөөбүз эртең ишке чыгабыз, мен Сейитбек акемди табам, ал бизди албай койбойт, - деп Эрмат сүйлөп жатты, теңтуштар өздөрүнчө кеңешип таңашып ал күнү дагы калып калышты, эртеси төртөө базардан майда барат алып анан андан ары жумушка жөнөмөк болуп Ош базарына кирип аралап жүргөндө Толубайдын агасы Жаңыбай аларды көрүп калып артынан жете келди.

- Толубай, Толубай токто! - деген үндү угуп артын жалт караган Толубай токтоп калды, - Кайда жүрөсүң ыя? - деп Жаңыбай инисин суроолуу карады.

- Кандайсыз аке?

- Кандайды эмне кыласың, барсыңбы деги?

- Эмне болду?

- Эмне болду дегенин кара, атамдар сени ойлоп сары санаа тартып жүрсө сен бейкапар гана жүрөсүң да, ойлоп койсоң боло!

- Аке, мен бара албай эле…

- Үйгө жүр мени менен.

- Дарегиңизди айтсаңыз кечинде барайын.

- Азыр жүр!

- Жок, азыр жумушка барышым керек.

- Кайда иштеп жатасың?

- Курулушта.

- Үйгө эки жылдан бери бир барып койбойсуңбу анан, аялың балдарды атамдарга таштап күйөөгө тийип кетиптир.

- Качан?

- Бир айдай болду, биз барып келдик.

- Жакшы болуптур.

- Жакшы болгону эмнеси? - Жаңыбай инисин түшүнө бербей карады, - Аялың кетип калса сага жакшыбы?

- Мен үйлөнүп алгам аке, кечинде алып барам, ошондо көрөсүз, азыр бара бериңиз, өзүм таап барам, - дегенде Жаңыбай унчукпай үйүнүн дарегин айтып басып кетти, аны күтүп тургандар Толубай келгенде ага карап калышты, Наргиза.

- Аның ким, көпкө сүйлөштүң го? - деди.

- Ал сенин кайнагаң, - деп күлүп койду Толубай.

- Жакшы болгон тура, издейм деп такыр бошобой койдуң эле, - Эрмат Толубайга карады, - Дарегин алдыңбы?

- Ооба.

- Азамат, кеттик анда, биз ишти сүйлөшүп келели, - деди да экөө келиндерден бөлүнүп жөнөштү. Тейитбек прораб болгондутан курулштарга жумушчулардын каныккандарын алчу. Сейитбек берген дарек боюнча анын үйүнө барышты, аялы бар экен:

- Жеңе кандайсыз? - деп Эрмат учурашты адегенде.

- Жакшы келгиле.

- Келдик, Текен акем үйдөбү?

- Жок, ал жумушта.

- Качан келет?

- Кечирээк келет го, кандай жумуш?

- Сүйлөшө турган сөз бар эле.

- Жумушунда телефону бар, сүйлөшсөңөр болот.

- Ошону бериңизчи анда.

- Жарайт, - Жеңеси үйүнө кирип кетип бат эле чыкты, - Бул телефонго чалсаңар болот.

- Рахмат жеңе, - деп Эрмат кубана артына бурулду.

- Чай-пай ичпейсиңерби.

- Рахмат жеңе, дагы бир күнү келээрмин, - деди да шашыла өзүн күтүп турган Толубайга келди, - Буйруса иш жакшы, үйгө барып телефон менен сүйлөшөбүз.

- Жакшы болду, үйүндө жок бекен?

- Ушундай маалда үйдө отурмак беле? - деп койду Эрмат.

- Эрмат, - деди Толубай.

- Эмне?

- Мен бүгүн Наргизаны ээрчитип агамдыкына барам, ага ачык айттым, чынында биз нике кыйдырбай эле жашап жатабыз да, барып кеңешип келейин.

- Албетте, барышың керек.

- Аялым күйөөгө тийип кетиптир!

- Койчу?

- Ооба, балдарды атамдарга таштап коюптур.

- Анан бирөөнүн баласын бирөө жакшы көрмөк беле?

- Ошонусу жакшы болуптур дос, күйөөгө тийип кеткенине кубандым.

- Неге, жакчу эмес беле?

- Жо-ок, мен армиядан келип эле үйлөн десе балдар менен ала качып алгам, - деп Толубай чыйт түкүрүп койду.

- Кайран дос, көңүлгө толбой мойнуңдан байлаган иттей гана жашаган экенсиң да, экөөбүздүкү окшош экен, мен дагы аялым менен жашагым келбей зорго кетиргенмин, мына эми көңүлүм айттагыдай, - деп Эрмат каткырып калды.

- Ошондой, кыскасы эмне болот деп заарканып жүрдүм эле.

- Коркпо, биз дагы кудай деген адамбыз, - деп үйгө киришти, эки келин өздөрүнчө сүйлөшүп отурган эле.

- Кандайсыңар селкилер? - деп Эрмат көңүлү көтөрүлө кирди.

- Жакшы, маанайыңар жакшы го? - Алима жооп кыла каш какты.

- Азыр, мен телефон чалайын, - деп Эрмат телефон турган бөлмөгө кирди, номерди терип трубканы кулагына такап туруп калды, бир кезде ар жактан эркектин коңур үнү угулду.

- Ало, ким бул?

- Ассалоом Алейкум Текен аке! - Эрмат шаша учурашты.

- Алеки Салам, ким экен?

- Текен аке, мен Эрмат, кандайсыз?

- Жакшы, кандай иштериң?

- Мен сизге атайын иш боюнча кайрылып жаттым эле.

- Эмне иш колуңдан келет, келсең сүйлөшөлү, эртең кел.

- Жарайт аке, - деп Эрмат дарегин жазып алды да чыга келди, - Буйруса бүттү, эртең барабыз.

- Жакшы болду, ар кайсы жактан жумуш издеп жүрө бербей бир жерде иштеп көңүл тынч болот эле, - деп Толубай дагы кубанып жатты. Анан чай ичип алышып Толубай Наргизаны ээрчитип сыртка чыкты, кайда деп сурабады ал, апасына барам деп турган оюнда.

- Үйгө кеттикпи? - деди күйөөсүн колтуктай.

- Сүйүнчү Наргиза, - деди Толубай жылмая.

- Кандай сүйүнчү экен?

- Аялым күйөөгө тийип кетиптир!

- Ыя? - деп ойлоно калды да кайра күйөөсүнө бурулду, - Балдарыңчы, алар эмне болуптур?

- Алар атамдарда калыптыр.

- Ким айтты?

- Акем.

- Демек…

- Демек биз эми үйгө барабыз, - Күлмүңдөй келинди колтугуна кысып-кысып койду, - Бактылуумун Наргиза, сага жолукканыма абдан бактылуумун!

- Мен дагы, аябай бактылуумун.

- Эми акемдикине экөөбүз барабыз.

- Койсоңчу, уят эмеспи.

- Жо-ок барасың.

- Барбайм, кантип бармак элем?

- Ушинтип эле, болбосо көтөрүп барам, - деп жолдо жүрүп көтөрө калмак болгондо Наргиза күлүп карматпай ары качты.

- Болду эми, көргөндөр эмне дейт?

- Эмне десе ошол десин, өзүмдүн аялымсыңбы? - деп ого бетер Толубай күлө кармап алды, жолдон өтүп жаткандар аларды карап, кээси көңүл деле бөлбөй кетип жатышты.

- Жөн бас эми, жаш балача ажыкыстанбай, - Наргиза күлүп аны токтотту, - Болуптур барайын.

- Анда кеттик, балдарга бирдеме алып алалыбы?

- Макул, - деди Наргиза, экөө дүкөнгө кирип майда барат алып маршруткага түшүп айткан даректи издеп кеч күүгүмдө зорго табышты. Жаңыбай сыртта жүргөн, инисин көрүп утурлай басты. Наргиза берирээкте калып тартына туруп калды, ага-ини бир аз сүйлөшүп туруп анан Толубай бери келип:

- Жүрү, акеме ийиле жүгүнүп кой, - деп жетелеп жөнөдү.

- Уялып жатам.

- Уялба, жеңем жакшы, эч тартынба, - деп болбой үйгө киргизди, Жаңыбай келининен тартынып өз каадасы кылып үйгө кирип кеткен, босогодон аялы Жийде каршы алды:

- Кел-келе койгула.

- Жакшысыздарбы? - деди Наргиза жер карай, Толубай аны нукуп койгондо гана ийиле жүгүнүп калды.

- Кудай жалгасын, кошконуң менен кошо кары, - деп Жаңыбай алкап келинин көрүп көөнүнө жага түштү: "Дурус келин көрүнөт, эми жакшы жашап кетишсе эле болду", - деген ойдо, - Өйдө өткүлө, - деди жер карай.

- Өт-өтө койгула, бала сен өйдө өтсөң, - деп Жийде жаркылдай дасторкон жайып кирди, - Өз үйүңдөй эле көрө бер, биз бу баланын дайнын билбей жаман болдук, атамдар бизге айтышат, же мунун дайыны жок, деги кайда жүрдүң ыя бала? - деп күлө карады.

- Жеңе, шашпай айтып берем.

- Мейли эми, айылга качан баралы деп жатасыңар?

- Сиздер менен кеңешип анан барабыз го.

- Жүрө бербей баргыла да, сенин үй-жайың турат, мал-кел бар, биздин аякта тиешебиз деле жок, жакында бул үйдү алдык, батирде жүрүп абдан кыйналдык, эми кудайга шүгүр, жакшы иш таап алып оңуп калдык, - деп Жаңыбай жашырбай сырын айтып отурду. Көп өтпөй эле Жийде табакка үймө плов алып келди, үч баласы өздөрүнчө телевизор көрүп отурат, улуусу он-он бир, ортончусу сегиз-тогуз жашар, эң кичүүсү беш-алты жашар эркек балдар үн чыгарбай отурганына караганда Жийденин тарбиясы жакшы болсо керек. пловдон кийин бир табакка эт алып келди:

- Бала келет экен деп эртелеп тамак жасап күтүп жаттык эле, - деп Жийде алдыларына тарелка берди, - Кана тамакка карагыла.

- Кел, алгыла тамактан, - деп Жаңыбай устукан бөлүштүрдү. Андан кийин ага-ини сыртка чыгып сүйлөшүп, эки абысын үйдө сүйлөшүп отурушту, - Качантан бери жашап жатасыңар? - деп Жийде Наргизаны кепке тартты.

- Бир ай болду.

- Жакында эле турбайбы?

- Ооба, таанышканыбызга эки ай болгон.

- Эми бактылуу болгула Наргиза, күйөөң жакшы эле бала, аялы начар болчу, өтө балит болчу, эки баланы таштай качып эрге тийип кетиптир, жоош момун немени өзү кармай албай калды, - деп Жийде болгонун айтып отурду.

- Жеңе, аялы кайра келип калбайбы?

- Эрге тийип алып кантип келмек эле.

- Билбейм, балдары бар, нике кагазы кесилбеген, аныкы туура болот го, мен ошондон корком, Толубайга айтсам такыр болбой койду.

- Эчтеке кыла албайт, кайсы бети менен келсин, балдар эмне чоңое берет, колуңарга кол болот, өзүнө жаман.

- Иши кылса апамдарга уят болбосом болду.

- Ата-энең барбы Наргиза?

- Атам жок, апам шаарда, эжем менен агам бар.

- Жакшы, баары шаардабы?

- Ооба, апам дүкөндө иштейт.

- Мейли, биерде эки-үч күн турсаңар өзүбүз алып барабыз, атамдар карып калды, балдарды багуудан кыйналып жатышат, сен эстүү экенсиң, айылда заңгыраган үй, мал-сал бар, баары силердики, кайненем колунан келген аял, дүнүйө деген толтура, белен үйдү кармана албай эмне болупсуңар, - деп шыпылдап жатты, анткени эки эле эркек бир кыз болгондуктан алар барганда Темиркул: "Силер келип бакпасаңар болбойт, апаңар дагы карыды, балдардын кийим-кечесин жуугандан кыйналып жатат", - деген эле. Жийденин ою Толубайлар айылга барышса өздөрү шаарда калмак, ошого көндүрмөк.

- Толубай эмне десе ошол да жеңе.

- Ата-энесин карыганда карабай эмне кылат, эң кичүүсү ошол, балдары да турса, - деп Жийде кайра-кайра "балдары" дегенди угуп кызыктай болуп кетип жатты: "Бирөөнүн баласына кантип эне боло аламбы, өзүм эне болуп көрбөсөм, аларды карай аламбы, чоңойгону жаш бала багып көрө элекмин", - деп ойлоп ийди.

- Жеңе, балдары канча жашта?

- Өзүнөн сураган жоксуңбу?

- Жок.

- Уулу төрттөн бешке карап калды, кызы үчтө.

- Чоңоюп эле калыптыр.

- Ооба, оордугу деле жок, бок-сийдиктен арылып калган.

- Орун салдыңбы? - деп Жаңыбай сырттан Толубай экөө ээрчише кирип келишти.

- Эми салам, Наргиза экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык.

- Баса Жийде, эмки жумада буларды айылга өзүбүз жеткирип элден бата алып келелик деп сүйлөштүк, - деди Жаңыбай кайрыла.

- Макул, алып барбай анан.

- Мен эртең өзүм барып дайындатып келейин, атамдарга айтып куда күткөнгө даяр болгула дейин, - деди да отуруп ойлуу телевизорду тиктеп калды. Башка эч кимиси үндөгөн жок. Жийде орун салып ички бөлмөгө Толубайларга салып берип өздөрү жатчу бөлмөгө киришти, башынан эле үч баласын өздөрүнчө жаткырып көндүрүп коюшкан.

- Келин дурус эле көрүнөт, сага жактыбы? - деди көптөн кийин Жийде.

- Өздөрү табышкандан кийин жакшы жашап кетишсе болду да, кемпир-чалды караганга көнөбү же шаарга көнгөн неме баса беришээр бекен?

- Иниңдин акылы болсо ата-энесине боору ооруур, биз ушунча жыл эмгектенип эптеп эми киши катары болуп баратканда айылга кетип эмне табабыз?

- Шашпа эми, көрө жатаарбыз.

- Балага жакшылап түшүндүр, сени угат, элге уят болобуз, балдары карабай таштап кетти деп айтат десең.

- Өзү деле билет да.

- Ой ушу сен нымтырсың, катуу дагы айталбайсың, менден башка бирөө болгондо жүрмөксүңөр жетелешип, - деп Жийде тынчы кете жини келип кетти, - Балдар эмеле чоңоет, окутуш керек, ал үчүн ушундайдан аракет жасашыбыз керек, же өзүңдөн бетер кара жумуштан башы чыкпай жүрсүн дейсиңби?

- Болду, сүйлөй бербей, укта тынчыраак, - деп Жаңыбай ары карап кетти.

- Ушу сен былжырап айылга келем деп убада берип койгонсуң го, нымтырап эле калыпсың.

- Жийде, көп сүйлөбөй укта дедим го? - деп ачуусу келгендей үнүн бийик чыгара айтканда Жийде унчукпай калды. Ошол бойдон үнсүз жатып уктап кетишти, Наргиза эрте ойгонду, кайнагасынын үйүндө болгондуктан тартынып туруп кийинип эшикке чыкты, эки жагын карап, жаңы эле бүткөн үйдүн короосу тозулбаган, жери кенен экенин байкап эшикте жүргөндө Толубай чыкты.

- Эмнеге эрте туруп алдың?

- Кантип жатам, уят эмеспи.

- Акылдуум десе, - Толубай артынан келип бекем кучактап калды.

- Көрүп калат болду эми, - Наргиза бошонууга аракеттенди.

- Көрсө аялымсың, баары эле аялы менен ойнойт, - деп кулак түбүнөн өөп жатып шыбырады, - Менин сүйүктүүм, жаным…

- Болду эми, жууналы жүрү.

- Макул, уялып жатасың го ээ?

- Анан эмне, кайнатамдай кайнагам болсо…

- Ыймандуу аялым бар экенине кубанам.

- Ошентип эле турсаң болду, - деп Толубайдын катарында эшик алдына келишип бети-колун жуунуп үйгө киргенде Жийде жаңы туруп чыгып келе жаткан экен.

- Силер уктаган эмессиңерби?

- Укьадык, келиниңиз уялып эрте турду.

- Койсоңчу, - Наргиза күйөөсүн нукуп койду.

- Уктай турсаңар болмок, биз жумушка кетебиз, эрте барбасак болбойт, - деп Жийде сыртка чыгып кетти, Наргиза төшөктөрүн жыйып, чай коюп, тамакты отко койду, үй шыпырып өзү билгендей кыймылдап жатты, мунусу экөөнө тең жакты, эртең мененки чайын ичип алышып өз жумуштарына кетип Толубай менен Наргиза калып калды. Кечке үйүн жыйып тазалап, эшигин шыпырып кечки тамагын жасап, балдарын карап жатты, кеч күүгүмдө келген Жаңыбай менен Жийде келип ыраазы болушту. Бир жумадан кийин айылга барышты, алар менен бирге Эрмат менен Алима бирге келишти, нике кыйдырып бата алгандан кийин Наргизанын апасы менен бир туугандарын чакырып сыйлап, каадасын жасашты. Бирок карыларды таштап алар кете алышпады, Толубай Наргизага:

- Эгерде сен калбайм десең кете берели, - деди өздөрүнчө калганда, - Атамдар али күүлүү эле.

- Койсоңчу Толубай, сексендеги кишилерди күүлүү дегениң болбойт, менин кетким келген жок, андан көрө айыл турмушу мага жагат, - деп Наргиза болбоду, бир жумадай алар менен болуп кетмек болгон Эрмат менен Алиманы сыйлап отуруп:

- Мага жагып калды, айылда калабыз, - деди Наргиза.

- Наргиза, чын айтып жатасыңбы? - деди Алима.

- Чын, мага Толубайдай жигитти багып, өстүрүп койгон ата-энесине каратпай кетип калганым болбос, эрте -кечтир биз дагы карыйбыз, ошондо балдарыбыз бизди карабай кетип калбасын? - деп күлдү Наргиза.

- Ал өзүңөрдүн чечимиңер, биз катышып турабыз, ата-эне ыйык, бирок биз аны көп сезе бербейбиз, - деп Эрмат ойлуу айтты, ал жалгыз тамда калган апасын эстеди: "Атам болсо да бир жөн эле, мен акылы жок бала экенмин да, Адикти алып келип апама эрмек кылып беришим керек экен, Айнагүл аны береби мага", - деп кабагын сала ойлуу отуруп калды.

- Эрмат, сен эмнеге ойго батып калдың? - деп Алима ага карап үйрүлө калды.

- Эч нерсе, жумуштан кечиктим, кетишибиз керек.

- Ошол элеби, кудай ай жүрөгүмдү түшүрдүң, - Алима күлүп жиберди, - Бир жери ооруп калдыбы деп коркуп кеткенимчи.

- Кам санаба, ден-соолук кудайга шүгүр, - Эрмат дагы аялын тамашалай күлүп калды. Темиркул менен Азимбү аларды сыйлап, кийит кийгизип, кешик салып берип жөнөтмөк болуп жатып Темиркул.

- Балам, Толубай экөөңөр теңтуш экенсиңер айланайын, дос деген оор, достордун ортосунда аксак сары ат турат имиш, эгерде дос деген атка татыктуу мамиледе болсоңор гана аксак сары ат бууданга айланып качан болсо достордун кызматына жарайт имиш, бири-бириңди сыйлаган достордон болгула, - деди, - Илгери достор өлөөр өлгөнчө бири-бирин кыйган эмес, ылайыгы келсе балдарын дос кылып же кудалашып тынчу экен.

- Ата, айтканыңызда калет жок, биз Толубай экөөбүз кыйын күндө бири-бирибизди таштаган жокпуз, сиздин айтканыңызга түшүндүм, сиздер дагы аман жүрүңүздөр, уул-келинден сый көргөн бактылуу абышка-кемпир болуп жүрө бериңиздер, - деп Эрмат Темиркул менен кол алыша коштошуп Азимбүгө кайрылды, - Жакшы туруңуздар.

- Жакшы туруңуздар ата, апа, - деп Алима дагы коштошуп таксиге чейин Толубай менен Наргиза узатып барышты.

- Досум келип тургула, унутуп калбагыла, - деди Толубай таксиге салып жатып, - Биз барсак туура барып турабыз.

- Сөзсүз катташабыз дос, бир келип анык достук мамилени тастыктап кетебиз, - деди Эрмат Толубай менен кучакташа.

- Алима, бизди унутпа, шаарда иштеп жүрүп далай эле кыз-келиндер менен таанышып мамиле кылдым, сен алардан башкачасың, ошонуң үчүн сени баалайм, сагынтпай келип тургула.

- Келбей анан, сендей курбумду кантип унутам, - Эки келин өздөрүнчө кучакташып ыйлап коштошушту. Достуктун жеткен чеги бири-бирине ишенимдин күчтүүлүгү, бекем ынтымак, сый-урмат, кыйынчылыкта бири-бирин колдоп турган досту дос десе болот. Кээде бала кезинен дос болгондор деле кийин алыстап катышпай калат эмеспи. Эрмат менен Толубай шаардан таанышып, бир казанда кайнап калышты. Ошентип Наргиза айылдын келини болуп кала берди, Темиркул мал курап, кенже балам үчүн деп үй-жайын да оңдотуп койгон. Аскат аябай бейбаш болду, коңшунун балдары менен урушуп өңгүрөп ыйлап келет, анын артынан бири келип шоктугун айтат. Эптеп канатына калкалап жүргөндө Мээрим келип Аселди алып кетти, бул кезде Толубайлар келе элек болчу, андан көп өтпөй Аскатты дагы алып кетип кемпир-чал аларга көнө түшкөнгө коңултуктай түшкөн эле. Жаңыбайлар келип кеткенден кийин болчу. Наргиза балдарды келгенден баштап эле көзү менен издеп жатты, бирок көрө албагандан кийин:

- Толубай, балдар көрүнбөйт го? - деди.

- Аларды алып кетип калыптыр.

- Аа-а, - деп тим болду.

- Эмнеге сурадың?

- Деги да, балдар бар деп укпадым беле..

- Бакса бага берсин, тажаса алып келет да, - деп Толубай кайдыгер унчукту, - Сен мага төрөп бересиң, анан экөөбүз тарбиялайбыз.

- Макул, - деп күлүп койду Наргиза, бирок өзүнчө: "Эмнеге менин боюма болбой жатат, эки ай болуп баратат, кээ бирөөлөр дароо эле болуп калды дешет го", - деп ойлонуп алды, анткени Алима сыр кылып: "Наргиза, менин боюмда болуп калыптыр, Эрматка айта элекмин, качан чоңойгондо айтайын деп жатам", - деген эле. Кирип-чыгып кыбырап жумуш жасап жүргөн келинге Азимбү ичинен ыраазы болуп алды. Кийим-кечени таза жууп, тамак-аш жасаганы, идиш-аякты калтырбай таза жууп орду-ордуна койгону, эшиктин алдын шыпырып турганы өзгөчө жакты: "Уулум эми орундуу аялга жолуккан экен, бактысын берсин, уулумдун багына таза-тың болсо эле болду, ээ жараткан, балдарыма бак-таалай бере гөр", - деген эне өзүнчө ойлонуп алды. Толубай мурдагыдай жоро жолдошторуна басып кетпей атасына жардамдашып, малга карап калды: "Байкуш балам, аялы купулуна толбой эле ошентип жүргөн экен, эми өзү каалап алган аялынын жанынан деле чыкпай калыптыр, кудай кут кылсын", - деп эне ичинен кубанып алат. Классташтары чогулуп келебиз деп айтып кетишти эле, Наргиза Азимбүгө кеңешип дасторконду жакшы даярдады, аны көргөн эне ого бетер кубанып: "Колунан баары келет экен, уулумдун багын ачаар аял жолугуптур буйруса", - деп купуя кубанып алды. Төрт классташы аялдары менен келишиптир, үйлөнгөнүн куттуктап үйдө өскөн розадан атайлап десте жасап анан акча чогултуп, Наргизага аппак жоолук, Толубайга калпак көйнөк, анан куурчак алып келишиптир, мунусу дароо эле балалуу болгула деген тилекти билдирет эмеспи. Толубай аларга улак союп коноктоду, ошончо тамак аш коюп ак моюнду койбогондо Алмаз дегени өздөрү алып келгенин алып чыгып:

- Келгиле эмесе классташтар, Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол, - дегендей досум Толубай экөөнөн тең кем эмес, ыр жагынан да, сын жагынан дагы, муну айтканымдын себеби үн десе үнү бар, созолонтуп ырдаса канчалаган кыздар суктанчу, сынчылыгы мына көрүнүп турат, Наргизадай сулуу, акылдуу келинди чоң шаардан таап келип отурат, ошондуктан Толубай менен Наргиза үчүн алып койбойлубу? - деди сөздү узакка созуп.

- Э- туура, Токемдин бир сырдуу, миң кырдуу талантын классташтары биз билебиз, эмесе силер үчүн! - деди Талант. Баары көтөрүп жиберишти.

- Толубайды абдан мактадыңар, сынчылыгын-ырчылыгын айтып чактадыңар, эки айдан бери мен такыр үнүн укпаптырмын, сиздердин көзүңүздөрчө бир ырдап койсун анда угалы, - деп Наргиза күлүп калды.

- Наргиза туура айтат биз дагы билели да ырчылыгын, сынчылыгын кийин сынайбыз, - деп Алмаздын аялы Турсун шакылдады.

- Кой эми Токе болбой калды, бир өнөрүңдү көрсөт, - деди Талант.

- Ырдаса ырдап берейин, өзүм дагы классташ досторум, аяштарымдын алдында толкунданып турам, - деп Толубай үнүн жасап баарын кыдырата карады, - Сахнада ырдаган эмесмин, бала кезден Түгөлбай Казаковдун жамгыр деген ырын жакшы көрчү элем, ошону ырдап берейин, - деди да ырдап кирди, чынында эле коңур үнү уккулуктуу болуп отургандарды музыканын сыйкырдуу сезими ырларды жеңил ыргактуу музыка дүйнөсүн көздөй жетеледи. Көптө барып бүткөндө алакандар шатырап:

- Азама Толубай!

- Ырчы турбайбы ай…

- Үн бар экен, - дешип жатышты.

- Азамат Толубай, үнүңө береке, бул турушуң менен сахнада деле ырдай турган экенсиң, - деп Сейил айтканда Бурулсун деген аяшы:

- Чыга бер ай, биз колдойбуз, келгиле бул үчүн дагы көтөрбөсөк болбойт, - деди шаңкылдай.

- Ай аяштар, Толубайды менден талашпагыла, сахнага чыгып кетсе кайсы күйөрманынан кызганып жүрмөк элем, менин гана ырчым болуп жүрө берсе орден менен медалды өзүм берем! - деп Наргиза айтканда баары күлүп калышты.

- Туура, Наргизага рахмат, сенин орден-медалың мунун бактысы эмей эмне? - дешип көпкө бака-шака түшүп отуруп анан кайтышты, алар кеткенден кийин Наргиза баарын жыйнап, жууп тазалап анан жаткандан кийин Толубай:

- Нази, сен мени чын эле кызганасыңбы? - деди кучактап өөп:

- Сени кызганбасам аялың болуп эмнеге жүрөм айтчы, бирок кызгануунун чеги болуш керек алтын, - деп эркелей кетти. Толубай ушу кезде Мээримди эстеди, эркелешип же бир жаштардай сүйлөшүшпөптүр, эркелеген сөздөрү, кыял-жоругу эсинде жок: "Көңүлгө жакпаса жашоо супсак өтө тура, эми Наргиза менен түбөлүк бактылуу болсом экен", - деп ойлоп көңүлү жайлана жатып калды.

- Нази, - деди оо бир топтон кийин.

- Оов Токе, эмне болду?

- Мени чын сүйөсүңбү?

- Жаным менен.

- Чынбы?

- Чыпа-чын.

- Алтышко-о.

- Ийи-ии.

- Мен сени сүйө-өм!

- Мен дагы-ы.

- Уул төрөп бересиңби?

- Ма-аку-ул.

- Чыныңды айтчы, эң биринчи кызды каалайсыңбы же уулдубу?

- Сен каалаганды каалайм.

- А мен уулду, болгондо дагы сага оп-окшош болсун.

- Заказ бергениңби?

- Ооба, - деп экөө кучакташып оонап калышты, экөөнүн ушул түнү түбөлүк эсинде калчудай болду, аял деген эркелеткенди, назик сөздү, кучактап өпкөндү жактырган башкача сезимдүү жан келет эмеспи. Наргиза дагы Толубайга жолукканына ыраазы, кээде гана апасын ойлонгону болбосо өзүн бактылуумун деп жүргөн кези. Бир күнү эшикте жүргөндө жолдон беш жашар бала жүгүрүп кирип келди, бул Аскат эле, Мээрим анын аял алганын угуп жеткирип кайра кетип калган.

- Ай-ай жигит, кайда барасың? - деп Наргиза күлө карап алдын тосту, - Кимдин баласысың?

- Чоң атамдын.

- Кайсы чоң атаң?

- Темийкул.

- Аа-а Аскатсыңбы? - деп отура калып көздөрүнө тигилди.

- Ооба-а, чоң атам каякта?

- Азыр келет, кире гой үйгө, - деп колунан кармайын десе карматпай жүгүрүп кирип кетти, Наргиза унчукпай артынан кирди, үйдө Азимбү менен Толубай бар болчу, Темиркул малын жайып кеткен, күз келгенде малдары тоодон келип өздөрү жайып калган.

- Ой сен кайдан жүрөсүң? - деп Азимбү чоочуп кетти Аскатты көрүп эле, - Мээрим алып келдиби?

- Жок, өзүм эле.

- Кантип кокуй, коркпой салып ийгенин кара, - Азимбү наалып кирди.

- Өзүм эле келдим, апам кайа кетип калды.

- Кел балам, келе гой, чоңоюп калган тура, - деп Толубай Аскатты чакырып өөп, - Мени тааныдыңбы? - деди, Наргиза киргенде аны карап көрсөтүп жылмая минтти, - Аскат, бул сенин апаң болот, - деди.

- Ыкы, апам бул эмес, - деди бала башын чайкап.

- Эми апаң бул болот да балам.

- Мээйимчи, менин апам Мээйим да.

- Ал кетип калбадыбы, ошону үчүн апаң ушул болот.

- Апамчы, Мээйим апам кайа келбейби?

- Эми ал келбейт, сенин апаң Наргиза болот, апа деп жүр ээ?

- Ооб-а, Аселдин апасы Мээйим болот ээ?

- Мээрим дагы келсе апасы Наргиза болот, сени эч ким урган жокпу балам? - деди алдына алып отуруп Толубай.

- Жо-ок, тайкем уйган.

- Урматпы?

- Иийи.

- Энеңдурайын десе, эмнеге урат? - деп жини келип алды.

- Балам а-ай, эмнесин айтасың, атасы болбосо урат да, жаны аман, акылы тунук, адамгерчиликтүү болуп өссө эле болду, - деп Азимбү жер карай кейип койду, - Ата-эне болбосо бала кор болот да.

- Энеси эрге тийбей ушуларды карабайт беле? - деп жинденип калганда Наргиза акырын:

- Ага дагы жашоо керек да, жаш туруп бала үчүн убактысын өткөргүсү келбегендир? - деп жылмайып койду.

- Энесин урайын, - деп уулун өөп отуруп калды.

- Ата, апам эмнеге кетип калды, анын күйөөсү мени уйат, - деп Аскат тултуя кабак бүркөй, ыйлагысы келип атсын карады.

- Эмне деп урду?

- Сен чокчуң дейт, унчукпай отуй, - деди.

- Эми аякка барбайсың, өзүмдө болосуң ээ?

- Ооба, аякка байбайм а-аа? - деп култуңдай карады.

- Балам жакшы бала, атасы менен болот, - деп өөп койду Наргиза Аскатты карап Толубайга окшоштура албады: "апасына окшош болсо керек", - деп койду уурдана көз кыйыгын салып.

- Аскат, кел чай иче гой, чай ичесиңби?

- Ооба ичем, - деп эч нерседен капарсыз чыныга канттан кайра - кайра салып киргенде Наргиза.

- Аскат, өтө ширин болуп кетпедиби, азыраак сал, иче албай каласың, - деди.

- Мейли сала берсин, - деп койду Толубай.

- Шекей жок чай ичпейм, апам уйушат, Асел болсо ыйлайт.

- Эмне канты жок чай береби?

- Ооба да.

- Мейли балам, келгениң жакшы болду ээ апа? - деп Толубай кубангандай болду. Убакыт өтүп Наргиза кош бойлуу болуп калды, тамакты тандап ичип көңүлүнө эч нерсе жакпай жүрдү. Бирок жатып алган жок, кыбырап жүрө берет, Толубай анын көңүлүнө карап турат, от жакса отунун алып келип берет, тамак жасаса казанды үйгө көтөрүп кирип берет, айтоор көзүнүн агы менен тең айланат. Бир күнү кечки тамакты ичип отурганда сырттан машинанын сигналы угулуп калды эле Толубай чыга калса Эрматтар келиптир, кучакташа көрүшүп:

- Кандай дос, ал-абал жакшыбы? - деди Эрмат.

- Баары жакшы, өзүңөр кандай, жорголуу болгонсуң го?

- Ооба, кайнага белекке берди.

- Кут болсун, Алима кандай?

- Ал келген жок.

- Неге, экөөңөр тең келсеңер болмок, - деп машинаны айлана басып ичине көз салса каткырып күлүп Алима чыга калды, алар учурашып машинанын артын ачып жатканда Наргиза чыга калды, ал караңгыда тааныбай:

- Толубай, ким экен? - деди босогодон эле.

- Наргиза, бир шпиондор келиптир, кармап алдым!

- Эмне дейсиң? - Наргиза берип басты, - Эмне дейсиң?

- Бул шпиондорду келип кармачы, жардам бер мага, алым жетпей жатат, мени багажга салганы жатат! - деп машинанын артына үчөө далдалана калганда Наргиза коркуп турса дагы басып келди:

- Толубай, Толубай дейм!

- Аа-а! - деп биринчи Алима Наргизаны кучактап калганда гана Наргиза күлүп ийди, - Кандай курбум, ден-соолуктар жакшыбы?

- Келгиле, өзүңөр кандайсыңар, коркутуп ийдиңер да, үйгө кирип атамды чакырып чыгайын деп анан кайра токтободумбу, Эрмат силер Толубай экөөңөр менин баламды түшүрүп кое жаздадыңар, - деп күлүп жүрүп алар менен учурашып өбүшүп үйгө чогуу киришти. Эрмат Темиркул менен Азимбүгө учурашып, Аскатты өөп Алима экөө төркү бөлмөгө киришти. Наргиза дасторкон жайып үстүн толтуруп чай алып келип куюп отурганда Эрмат менен Толубай сыртка чыгып чоң чаар сумканы алып киришти алар менен кошо Канымжан да келген эле. Эрмат бакылдап:

- Токе, атамдарды чакыр, - деди, - Менин апам менен тааныштырайын, - деди. Алима сумканы алып кийиттерди алып чыгып кийиттерди даярдап жатты, Темиркул менен Азимбү үйгө кирип орун алгандан кийин:

- Аяш ата, аз болсо көптөй көрүп, жупуну болсо адемидей кабыл алып ушуну жонуңуздарга жаап коюңуздар! - деп экөөнө тең кымбат баалуу чапан баштап бир сыйрасын алдына коюп чапанды жаап калпакты кийгизип, жоолукту салды.

- Ыраазыбыз балдарым, кудай тилегиңерди берип, уул-кыздын ата-энеси болгула, оомийин! - деп Тимиркул бата берди.

- Айтканыңыздар келсин, - деди ийиле Алима.

- Аяш ата, апа, бул киши менин апам, таанышып алыңыздар, - деп Эрмат апасына кол жаңсады, - Аты Канымжан, эки уул, эки кыздын бактылуу энеси.

- Жакшы-жакшы айланайын, - Темиркул Канымжанга кайрылды, - Жакшысыңарбы?

- Кудайга шүгүр, өзүңүздөр жакшы жатасыздарбы? - Канымжан башын ийкей учурашты.

- Эрмат менен биздин уулубуз ушинтип дос болуп калышыптыр, силер бактылуу аял экенсиңер, Эрмат биздин балабыздай болуп калды, - деп Азимбү сөзгө кошулду, - Ушунусуна шүгүр айланайын.

- Ооба-ооба, Толубай дагы менин балам эле болуп калды, кудай ынтымагын мындан дагы арттыра берсин, - деп Канымжан кубанычын жашыра албай толкунданып отурду, Канымжан алардан бир топ жашыраак эле алтымыштардагы сулуучумак аял, өзү дагы чоюлган, бир сырдуу көп сүйлөбөгөн неме. Турмуштун оорчулугун көп тартты, башынан жокчулуктун азаьынан бир аз картайып кеткени болбосо абдан таза, тыкан аял. Темиркул сыртка Толубайды чакырып союш сойгонго жакын жашаган досу Алмазды аялы менен чакыртты. Абдан сыйлап, сүйлөшүп отурушту.

- Сиздей жакшы аялдын уулу тура, Эрматтын адамгерчилиги өтө жогору, улууну сыйлап, кичүүнү ызааттап турат. Алима дагы жаман келин эмес, кудай кошкону менен бактылуу болушун, - деп Азимбү Канымжанга карады, - Менин Толубайым экөөнүн жылдызы келишип калыптыр.

- Ооба, менин келиним менен Наргиза экөө курбу кыздар экен, экөөнө экөө таанышып калыптыр, минтип аягы жакшылык менен уланып калды, деги кудай ынсабын берсинчи, буйруса балдарыбыз жакшы келинчекке жолукту.

- Ооба, аял жакшы эр жакшы деген эмеспи айланайын, биз болсо картайдык, биздин кармаган күткөнбүз ушулар үчүн эмеспи, улуу уулубуз кудайга шүгүр, өзү менен өзү, - деп Азимбү тобо кылып алды, - Өзүңдүн канча балаң бар Канымжан.

Төртөө, эки уул, эки кыз, улуу балам дагы шаарда, эки кызым алыска турмушка чыккан, бала чакалуу, кудайга шүгүр, - деп Канымжан ойлонуп калды: "Арзыматым дагы жашоосу начар, атасын тартып томаяк болду, кара жанын карч урса деле жыргап кетпеди, бакыт оошот, ырыс жугушат дегендей Эрмат Алимага жолугуп тың жашап баратат, эми ошону кут кылсынчы", - деп туюк улутунуп алды. Бала үчүн эне өрткө түшүүгө даяр го, бу энелер бу дүнүйөдөн көчүп өз айлына кеткенчекти балдарынын түйшүгүн тартып, кубанса кубанып, кайгырса кайгырып жүрүп өтүп кетет. Ошондой эле бул эки эне дагы балдарынын жакшылыктарына кубанып отурду, бирок бир кезде эки достун ортосунда көрүнбөгөн кара мышык аралап аз жерден бири-бирине душман болуп калаарда эки эне табыштыраары азыр эч кимисине белгисиз болуп эле. Алмаз дагы жардам берип Эрмат менен таанышып өздөрүнчө үйдүн артында ортолоруна бөтөлкөнү коюп алып ичип жатышты:

- Эрмат, биз Толубай экөөбүз он жыл бою бирге окуганбыз, бирге жүрчүбүз, кыскасы төртөөбүз элек, эми сени менен бешөө болот экенбиз да, - деди ага карай.

- Албетте кас болгуча дос болгон жакшы эмеспи, бул өмүрдө дос болуудан өткөн жакшы нерсе жок экен да.

- Ичиң таарыбайбы Токе? - деп кызый баштаган Алмаз Толубайга карады эле ал күлүп калды:

- Алмаз, мен кантип ичимди тарытмак элем, менин досум сенин досуң, сенин досуң менин досум, биз эч качан бири-бирибизге таарынбайбыз да, туурабы Алмаз?

- Эми ишендим, билем сенин ак көңүлдүгүңдү, пейлиңдин кеңдигин, ошентсе да сурап койдум, капа болбогула, - деди Алмаз стакандарга арактан куюп.

- Кападан кийин туулганбыз дос, - деди Эрмат күлө.

- Келгениңе рахмат, жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун дегендей Токемдин достору морье! - деп койду Алмаз. Толубай менен Эрмат бири-бирин карап ымдашып койду, Алмаз байкабай да калды. Көптөн кийин карыларга башка бөлмөгө дасторкон жайышты да жаштап өздөрүнчө төркү бөлмөдө отурушту. Бака-шака, тамак менен кошо ак моюнду да куюп жатышты.

- Толубай, кээ бирөө шаарга барса байып келет, кээси атын таппай жолдо калат, азыр заман табышмактуу болуп калбадыбы, - Турсун күлүп калды, - А сен достун тазасын, кыскасын айтканда аккан досту, аялдын сулуусун, акыл карачачтай акылы тунугун таап келипсиң, демек мен ушул тостту Толубай ашым үчүн алалы демекмин, кандай дейсиңер? - деп калганда баары:

- Туура-туура.

- Ак сөз.

- Сөз эмес бекен? - дешип стакандарды көтөрүштү.

- Өтө мактап ийдиңер, бирок чыны ошондой болду, - деп Толубай күлүп калды. Баары кагыштыра алып ийишти.

- Туугандар, - деди Эрмат дагы кызый баштаган эле, - Айтпай турайын дедим эле болбой калды, мындан ары жашыра албайм, - дегенде Алима анын эмне дээрин билип жылмайып койду, калгандары: "Эмнени айтканы жатат", - дегендей Эрматты карап тымтырс болуп калышты, - Мен ала келгенге жетишпей калдым, буйруса эртең эрте бир күлүк келет, досума күлүк тартуу алып келгемин, - деди Эрмат.

- Эрмат, ыраазымын сага! - деди Толубай.

- Андан көрө ошону күлүк дешти, эми ошону сынайсың, - деди Эрмат күлө.

- Токем сынаганда кандай сынайт дейсиң, купулга толчуну көргөнлө көзү жайнап кетет, - деди Алмаз, - Бир кызыкты айтып берей ин, анда окуучу элек мектептен келе жатсак жогорку айылда жашачу Бекболу дегендин жылкылары сууичип туруптур, бир кулун энесин ээмп улам жүгүрүп кетип кайра келип энесин ээмп турганын көпкө карап калды, эмне турасың кеттик десем эле бул мага карап, мына бул кулун күлүк болот, убагында бир айылдан аты чыккан күлүк болт, - дегенде мен каткырып, ошол бойдон унутуп деле калганмын, кийин Бекболу абанын бир күлүгү чыгыптыр деп угуп ошону ойлодум, чынында бул анча-мынчага көңүл бурбайт да, - деп калды.

- Эмесе таң атпай келип калат, ошондо сынатабыз, - деди Эрмат күлө карап.

- Азамат, мындай достук үчүн ичпесек болбойт, кана эмесе балдар, мындан алып коелу, бекем достук, ынтымак үчүн алалы, - деди Турсун, ал өзү эркектей шар сүйлөгөн аял эле. Алмаз экөө ынтымактуу, башка үй-бүлөөлөрдөй болуп бири-бирин тыйып же эл менен отурганда чукулдашчы эмес.

- Менин Тукемдин сөзүн улап кубаттап алып жиберели, - деп Алмаз айтканда баары көтөрүштү, Алима менен Наргиза кош бойлуу болгондуктан аз-аздан алып коюп отурушту. Түнү менен укташкан жок, Эрматтын айтуусу боюнча таң ата келип калчу жылкыны күтүштү. Толубай муну уккандан кийин атасына кеңешти эле ал:

- Уулум, андай болсо уят, сен ага жооп кылышың керек, азыр кийитти жакшы кийгизип машинасына апаңдын жасаган жакшы шырдагынан бирди жабалы, кийин биз дагы бир ат мингизебиз, Аскатты отургузганда чакырып мингизип жиберебиз, - деди.

- Ага чейин эле барыш керек ата.

- Анда дагы кеңешебиз, азыр шырдак жаап узатабыз.

- Макул ата, иши кылса таарынбай кетишсе болду.

- Таарынбайт, муну менен эле баары бүтпөйт уулум, келечегиңер али алдыда, эң башкысы жакшы жолдош таапсың, - деди Темиркул баласына ыраазы боло. Таң агарып келе жатканда сыртка чыккан Эрмат менен Толубай Алмаз үчөө чылым чегип турушкан, күркүрөгөн машинанын үнүн угуп жол тарапка чыга калышса камаз келип токтоп калды.

- Мына келди! - деп кубанып кетти, - Жүргүлө, эми түшүрүш керек, - дегенде Алмаз Толубайга карады.

- Базарга мал жүктөгөн жер бар го?

- Чын эле ошол жерге айдатыш керек, - деди Толубай.

- Кеттик! - деди Эрмат, үчөө короодон чыкканда камаздын айдоочусу түшүп аларды көздөй басты.

- Ас-салоому Алейкум!

- Ал-леки Салам, тынч жетип алдыңызбы?

- Жакшы эле жеттик, кайдан түшүрөбүз?

- Азыр, балдар көрсөтөт, кеттик, - Үчөө отуруп заматта дөңгө жетишти да жылкыны түшүрүп бири жетелеп ары-бери басты, Толубай түндөгү сөздөрдү эстеп:

- Чынында тулпар экен дос, муну мен көтөрө аламбы? - деди.

- Ой до-ос, бул биздин алгачкы достошуубуздун эле ырымы, кабыл алып кой! - деп Эрмат көкүрөгүн чечип киргенде Толубай дагы чечип экөө төштөрүн тийиштире кучакташып:

- Достукка кара санасам төшү түктүү жер урсун! - деди Толубай.

- Достукка арамдык кылып, кара санап досума шек келтирсем төбөсү ачык көк урсун! - деди Эрмат.

- Достукка күбө катары экөөңөрдү карап турган мен Алмаз , - деп Алмаз колун көтөргөндө баары күлүп жиберишти.

- Чын эле бул аттын чыгаан экенин, келечекте канчалаган байгелерди алаарын баары айтып беришкен болчу, - деди. Бирок эч ким үн каткан жок, атты Алмаз минип келди, Толубай мен Эрмат камаз менен келишти, аларды күтүп жатышкандар дасторконду кайрадан жаңылап тосуп турушуптур, адегенде Темиркул көрүп:

- Оо жаныбар, жетилип турган курагы экен, балам тиги караңгы сарайга байла, - деди Толубайга карап. Толубай кубанычтан жүрөгү өрөпкүгөнү менен: "Достукка досчо жооп берүүм керек", - деген ой менен өзүнчө ойго батты, эртеси дагы бир союш союп коңшу-колоңун чакырды Темиркул, келгендерге тамак тартып бата алаарда:

- Менин жаман Толубайым дос күтүп жатты эле, ошол эки доско ак батаңарды берип койгула бусурмандарым, - деди мурутун жаный. Ошондо айылдын ак сакалы, сексен жетидеги карыя:

- Темиркул, уул баарында бар, жаман уул, жакшы уул, орто уул болот, сенин балаң жакшы уул болгон тура, аман болсун, ылайым ата-энесин сыйлаган акыл-эстүү, абийирдүү адам болсун, оомийин аллаху аквар! - деди алакан жая бата берди.

- Айтканыңар келсин, - деди Темиркул.

- Теңир жалгасын, - дешип бакылдашып тарашты. Ошол күнү Темиркул менен Азимбү баласынын досуна кийиттин жакшысын, кымбатын апасына бир сыйра кийгизип, бир союшту союп бышырып, боорсок менен таттуунун түрүнөн мол салып берип, машинасына шырдак жаап жөнөтүштү. Толубайдын классташтары ага суктанып жатты. Ошентип убакыт өтүп адегенде Алима уул төрөп алды, ал төрөгөндө Эрмат Толубайга киши жөнөттү, сүйүнчү келээри менен Толубай менен Наргиза жетип келишти. Төрөтканага баары чогулуп келишкен, дал ошол күнү чыкмак, Өмүрбек менен Гүлай, Канымжандар, Алиманын ага-жеңеси, эжеси болуп он чактысы бар эле. Гүл көтөрүп алып чыгарып үйүнө келишти. Достугу чыңдалып бири-бирине тартуу тартуулап ысык болуп жатышты, эки-үч айдан кийин Наргиза дагы уул төрөдү, анда дагы ынтымактуу болуп жүргөндө күркүрөгөн күз келип Темиркул баягы жээрдени өз билгенинче таптап жүргөн эле, ал табына келип калган атты суугарып келип:

- Уулум, бул анык тулпар экен, Эрматты чакыр, эртеңки ат чабышка салабыз, аяш атасынын кандай саяпкер экенин көрүп алсын, - деди Толубайга.

- Макул ата, - Толубай атты тегерене басып көрүп, - Оо, оңой эмес, бул чабышта чыгып келип алдыңкы байгени алат го? - деди күлүп.

- Мен дагы ошондой деп ойлоп турам, - Темиркул култуңдай мурутун жанып койду, - Буйруса бул жээрде далай жеңиштерге жетет.

- Мындай тулпарлуу кылган досума рахмат.

- Ооба балам, биз анын баласына тай мингизебиз, эми алты ай болду, азыркы келгенине даярдап коебуз, - деп сүйлөшүп турушту. Чабышка алып чыгаар түнү таң ашырып байлап өз тартиби менен карап жатты. Бул той сүннөт той эле, шаарда чоң кызматта баласы иштеген Алымбек тойго катуу даярдык көргөн, ат чабышта утуп чыккан күлүк үчүн баш байгеге жүз миң сом койгон, бир жума мурун айтылган тойго ар жактан өз аттарын сынамак болуп далай күлүктөрдү алып келишти.

Алымбек он үй тиктирип куда-кудагыйлары үч үйгө толду, беш уул, жети кызы бар эле, баары үйлөнүп жайланган, эки үйгө күлүк чаба тургандар жайгашышты, калган беш үйгө шаардан келген чоңдор, кызматчылар кирип сый көрүп жатышты. Эки жылкы менен беш кой союп сыйлуу конокторуна сый табактар тартылып жатты, Толубай Адылбек агасынын баласы Темирбекти күлүккө отургузуп:

- Абайла, жыгылбай турган бол, өз оюна кой, ооздукту тартпа, - деди.

- Жок аке, мен жыгылбайм, атты жакшы минем, - деди Темирбек шыпылдай. Чабыш башталганча ары-бери бастырып турганда аны көргөндөр өз ара сөз кылып жатты:

- Ой, мына бул аттын сындуулугун карачы, ушул чыгат го?

- Абдан сымбаттуу мал экен, тобо адам эмес малдан да ушундай көзгө жакыны болот экен, ушул чыгаарына күмөнүм жок.

- Кимдин аты, кайдан келди экен?

- Тиги Адылбектин баласы го?

- Ырас эле ошол экен Адылбек муну сатып алган го, мындай аты жок эле.

- Ошондой го?

- Ал дагы байып калды, балдары тың тура.

- Мейли, ар ким көрө берсин, - дешип турганда Темирбектин жанына Толубай келди:

- Ат алдыга чыгып калса марага жеткенче Толубай деп айтып келгин макулбу?

- Макул аке.

- Алаңдабай тынч бол, эч нерседен коркпо.

- Коркконум жок.

- Азыр башталат, Камбар-Ата колдосун, азыр атам келип батасын берет, өрөпкүбөй жакшы бол? - деп ары басканда Темиркул келди:

- Кандай балам, Темирбек чабандестикке жарай турганбы?

- Жарайт ата, ал чыйрак экен, мен Эрматтардын жанына барайын.

- Бара бер, буларга өзүм көз болом, - Темиркул Темирбектин жанына келди, - Кандай уулум?

- Жакшы ата.

- Азыр чакырат, эми кудай колдоп, алдыңдагы бууданың экөөңөр уят болбой, бизди да уяткарбай, Камбар-Ата пириң колдоп марага келе жатканда Толубай деп ураан чакырып кел макулбу?

- Макул, - деди такылдаган Темирбек, аңгыча күлүктөрдү чакырып калды, тыбырап төрт туягынан чаң чыккан жээрдени жайкалта бастырып катарга турганда той ээси жарыя кылды.

- Эл журт, бул ат чабышта эң биринчи келген күлүккө жүз миң сом!

- Оо-уу! - Элдин ичи уу-дуу боло түштү.

- Ой укмуш, тиги жээрдени карагыла, башкача экен.

- Укмуш экен, кай жерден келди экен ыя, баш байгени ушул алат го?

- Таптаган адам жакшы таптаптыр.

- Иши кылса жарашкан экен, - дегиче аттардын дүбүртү кулак жара дүпүрөп жөнөдү, эл ичинде Эрмат менен Алима, Толубай менен Наргиза да балдарын көтөрүп алып кызыгып турушкан. Айланасындагы сөздөрдү угуп Толубай жүрөксүп турду:

- Токе, аяш атам саяпкер тура, - деди Эрмат.

- Ооба, атама мындай мал тийбей жүргөн, жылда бээ төрөгөндө кулунун сынайт, бирок сынына толчу эмес, ушундан урук алам деп турат буйруса.

- Жакшы малдан тукум алган жакшы эмей.

- Дос кандайсың, ишиң оңолуп, тилегиң кабыл болсун, - дешип ошол маалды Толубайдын классташтары жетип келишти.

- Рахмат достор айтканыңар кайтсын, кабыл болсун.

- Досубуздун күлүгү чыкса бизге дагы сыймык эмеспи, - деп сүйлөшүп туруп калышты, арадан эки сааттай убакыт өткөндө: "Аттар келе жатат", - деп эл дүрбөп калышты. Моюн созуп караган эле, бир кезде: "Толубай", - деп кайра-кайра кайталаган баланын үнү угулганда Толубай менен Эрмат бири-бирин карап калды, эң алдыда келе жаткан жээрдени көрүп эл дагы дүргүп калды.

- Толубай дейби ыя?

- Ошондой дейт го.

- Жин тийдиби буга, же ошол улуу сынчы буга көрүнүп колдоп келе жатабы?

- Ким билет.

- Ой, тиги Темиркулдун баласы Толубай эмеспи?

- Ошондо күлүк бар беле?

- Ким билсин, болсо болгондур, - деп сүйлөшүп уу-дуу болуп жатышканда: "Толубай, Толубай, Толубай", - деп ураан айткан бала аттын оозун тарта албай марадан өтүп тээ айылдын ичине чейин аралап кеткенде Темиркул өз атына минип артынан чапты. Оолугуп токтото албай калган жээрдени зорго ооздуктап токтоткон балага жете келди:

- Жаныбарым-жаныбарым, намыска жарадың, бул алгачкы жеңишиң кут болсун, ак жолтоюм, - десе деп чылбырдан ала Темиркул, - Уулум корккон жоксуңбу айланайын, токтоно албай калганын көрүп чоочуп кеттим.

- Жок ата, корккон жокмун.

- Айланайын десе, жакшы чабандес болдуң, - деп мулуңдай кулактарын делдеңдете кадимки күйүккөн адамдай дем алганы билинип көздөрү күй үп: "дагы бир аз чапканда бугум чыгат беле" -дегендей ойкуштап, буу чыгып тердеп кеткен жээрдени сылап койду, - Демиңди бас жаныбарым, кезеги келет, бул алгачкы гана кадамың, мындан чоң чабышка салам, жүрү балам бизди эл күтүп жатат, - деп бастырып жөнөштү. Адылбек менен Какен ат токтобой кеткенде коркуп турушкан, аларды көрүп эс ала түштү.

- Ата, жайчылыкпы деги, коркуп кеттик, - деп Толубай алдынан чыкты.

- Баары жайында уулум, кабатыр болбо, Темирбегим аны чабандес экен, - деп Темиркул күлүп койду. элдин баары дүргүп атты карап жатышты, Толубайды классташтары куттуктап жатышты, Эрмат менен Алима андан бетер кубанычта. Алымбек "Толубайлап", ураан чакырган чабандести чакырып андан сурамак болду эле Темиркул кошо келди.

- Оо Темиркул, бул сенин балаңбы? - деди Алымбек чирене.

- Ооба Алыке, менин уулум.

- Азамат, атты өзүң таптадыңбы?

- Анан ким таптамак эле.

- Жакшы таптаган экенсиң, мындай өнөрүң бар экенин билбепмин.

- Жар салып мактанбагам Алыке.

- Ооба-ооба, бири-бирибизди эбактан билебиз бирок…

- Атам үйрөткөн өнөр өзүм менен кетеби деп чоочуп жүрдүм эле.

- Жакшы, бул атты кайдан алдың эле?

- Уулумдун досу берген.

- Азамат экен, Толубай деген ким?

- Балам.

- Темике, мен сага бир сунуш айткым келип турат.

- Айта бер угайын.

- Мен сага жүз миң байгеден сырткары миллион берейин, жээрдени мага сат, - деди Алымбек сын көз менен карап.

- Алымбек, бул жээрдени баламдын досу белекке берген, достуктун белгиси, жүз миңиңдин дагы кереги жок, атты оозуңа алба! - деп Темиркул артына бурула бергенде Алымбек курулай карсылдап:

- Ай-ай Темике, байге сеники, аны бербей коюп элге күлкү болгум келбейт, - деди да кабак чытый ары жакка үн салды, - Кемпир, алып келчи, баш байгени элдин көзүнчө тапшырайын, экинчи-үчүнчү байгеникин дагы алып чык, - деди. Темиркулдун ачуусу келгендиктен албай кетип калууну ойлоду, бирок: "Эмнеге албайм, балдарымдын ырыскысы, Наргиза келинимдин келиши менен бирге бизге кут келди, алышым керек, ал үчүн эмгегим да бар", - деп ойлонуп туруп калды. Жар салып баш байгени алаары менен эле токтолбой балдарын ээрчитип үйүнө баса берди, Толубай атасынын эмнеге капа болгонун билбей ичинен сызып калды. Темирбектин ат чапканы үчүн ага беш миң сом берип, көйнөк менен калпак кийгизди Азимбү. Анан түштөнүп отурганда:

- Балдар, күлүк ат менен сулуу катын бирдей, элдин көзүндө, оозунда болот, - деди да бир саам үн катпай отурду да Эрматты карады, - Уулум, сенин достук үчүн алып келген күлүгүңдүн бүгүн бир кызыгына баттык, кубаныч алып келди, ошону менен бирге эле мага кайгы алып келди…

- Эмнеге ата? - деп ийди Толубай.

- Токто балам, бүгүн Алымбектин ач көздүгүнө капа болдум.

- Эмне деди ал?

- Жүз миң байгенин үстүнө миллион берейин жээрдени сат дейт.

- Эмне-е?

- Ошенттиби? - дешип Эрмат менен Толубай бири-бирин карап калышты.

- Ооба, ал ошенткенде мен байгесинен баш тарттым.

- Анан?

- Өз намысын ойлоду окшойт, байгени айтып коюп бербей койгон бул жеткен акмактык да, уятынан берди, бирок күлүккө көзү түшүп калды, ал дагы киши жиберет, анда байлык бар да, бизди сатып алгысы келет, - деп оор күрсүнүп алды.

- Аяш ата, миллион берсе бере бериңиз, Толубай экөөбүз жашыраак башка күлүк сатып алып келебиз, азыр күлүктөр көп, жакшысын - жашын табабыз, - деди Эрмат.

- Жо-ок балам, бул жээрде али жаш, далай жеңиштерге жетишет.

- Беш жүз миңге алмакпыз, бир жагы бизнес, сиз таптап бир көргөзүп сата бериңиз, биз кайра алып келип бир топ байлык топтоп алмаксыздар, - деп Эрмат айтканда Темиркул баш чайкап койду.

- Ат сатуу го бизнес болсун, мен өз эмгегимди, саяпкерлигимди бизнес кылбайм балам, андан көрө Толубай экөөңөр үйрөнгүлө.

- Макул аяш ата, ашыкча кетсем кечириңиз, - деп Эрмат уялып калды. Толубайдын классташтары жетип келишти, Алмаз дагы бар, алар анын ийгилигин куттуктамак болуп келишкен, уулун көрө элек болчу, аны шылтоолоп аялдары менен майда барат алып келишкен экен бабырашып отурушту.

- Токе, эл укмуш таңгалды дейсиң, жээрденин сымбатына эле суктанып жатышты, - деп Алмаз укканын айтып жатты, Темиркул анын сөзүнөн улам ичинен: "Элдин сөзүндө, көзүндө болчу эле, атты өзүм көрүп ырымдап коеюнчу", - деп эшикке чыкты. Жаштар өзүнчө отурганда Адылбек келди.

- Аке, эмнеге тамакка күтпөй кетип калдыңар?

- Чапчуубузду чаап, алчуубузду алдык, эмнеге күтмөк элек?

- Алымбек аке сиздерди издеп таппай калды.

- Эмне кылмак экен?

- Билбейм, издетип жаткан, кетип калганыңарды угуп унчукпай калды.

- Ит, - деп койду Темиркул.

- Эмнеге жиниңиз келди аке?

- Жээрдеге дароо көз артып калыптыр.

- Чын элеби, акмак го, менде эле болсун деген ит экен да.

- Ач көз экенин эбактан билем, чынында ач көздөр байыйт, анын жан-дүйнөсүндө жалаң арамдык сиңип калган да: "Боктон сасыкка берем, таштан катыкка берем", - дейт тура кудай деле.

- Ой тобо-о, ошого жетише калганын кара, - деп артынан келген аялын көрүп, - Аке жээрде үчүн келиниң экөөбүз куттуктап коелу дегенбиз, - деди.

- Рахмат иним, ызааттаганыңарга ыраазыбыз, Толубайдын курдаштары дагы келген, - дегенде эшиктен дагы үч-төрт тууганы, балдызы менен бажасы көрүндү, баары алардын аты чыкканына кубана куттуктап келишкен эле. Үйү толо конок болуп, аларга союш союп жээрдени мактап жатышты.

- Жаныбар жээрде калган аттардан жарым саат эрте келиптир.

- Токтоно албай кетти го!

- Ооба, Темирбек тыңдыгынан токтотту да.

- Таптаганы укмуш болуптур, андан көрө Алымбек сизге саяпкерчилик кылып ат таптап бер десе болмок.

- Анын жылкысында андай тукум жок, - деди кесе айтып Темиркул, - Жылкынын баары эле күлүк боло бербейт, бул айылда андай жылкы жок.

- Чын эле, андай экен баласынын колунан келет, асыл тукум жылкынын тукумунан алдырып албайбы? - дешип ар кимиси ар кайсыны айтып жатты. Темиркулга чепкен, чапан жаап, калпак кийгизип куттукташты. Толубайдын кубанычында чек жок, Эрмат кетээрде бир тайды жетелеп келип талпынып калган Эрматтын уулун мингизди да:

- Уулум ушуну минип кетсин, - деди күлө.

- Ой койсоңчу Токе, - деп Эрмат болбой койгондо Темиркул.

- Балам, ушул балаң мендей саяпкер, жылкынын сырын билген адам болсун, атайын жылкы тартуулап отурам, баланы өмүрү менен кошо багында тилеш керек ата-эне, Залкарым залкар адам болсун, өмүрү узун болуп уламаларды улаган кеменгер болсун оомийин! - деп бата бергенде Эрматтар дагы колдорун жая бата кылып:

- Айтканыңыз келсин, - дешип Алима экөө тең карыга таазим кылышты.

- Ылайым жамандык көрбөгүлө айланайындар, Толубайым экөөңөрдүн ортоңорду кара мышык аралабай ынтымактуу болуп аман-эсен жүрө бергиле, - дешип узатаарда:

- Аяш ата, бул тай тура турсун, мен сизди бир күнү алып кетип жылкы сынатып келем, эгерде купулуңузга толо турганы болсо алабыз, ошондо анан алып кетем жарайбы? - деди Эрмат.

- Сынабай анан, купулга толоор жылкы болсо аттиң.

- Кам санабаңыз, жалаң күлүк таптатам сизге, - деп Эрматтар машинасына отуруп жөнөп кетти. Эрмат апасын шаарга алып кеткен, жалгыз калгандан көрө уул-келиндин жанында болоюн деп Канымжан баш тарткан жок, ошондон бери шаарда. Алар келгенде Канымжан уктай элек эле, эшикти ачып эле небересин колуна алды:

- Жакшы барып келдиңерби балам?

- Ооба апа, баягы жээрде баш байгени жеңип алды.

- Оозуңа май , Толубай кубанып калган экен.

- Айтпа ата, укмуш болду, жээрде күлүк экен, аны таптаган аяш атам да табылгыс тура, нак Толубай сынчынын өзүндөй таптаптыр, токтоно албай марадан кийин дагы айыл аралап кетип зорго токтотуп келди, - деп Эрмат бабырап жатты. Чынында Эрматты кайнагасы көтөрмөлөп жаткан, Тейитбек агасында иштеп, кайнагасы берген машина менен өзүнчө бизнес кыла коюп бир жылга жетпей эле байып кетти. Марс кайнагасы аркылуу жылкы тукум ат баккандар менен байланышып калган. Канымжан уулунун жетишкендигине жетине албай жүрдү, анткени баягы үйүндө жалгыз жатканга караганда азыркы ар бир күнү майрамдагыдай эле, үстүнө кийгени адеми кийим, Алима дагы жакшы карап жууп-тазалап турат, небересин алып отура берет, ичкени таза набат, инди чай, улуу баласы Арзымат инисинин байып калганын көрүп андан жардам сурамак болуп жатты, бирок Эрмат анын жаңы салып жаткан үйүнө керектүүлөрүн жеткирип бергенде абдан ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын Залкар чоңоюп арадан беш жыл өтүп кетти. Толубайдын баласы Шамшарбек дагы бешке чыгып калган, экөө балдарын шаарга бир күнү отургузуп, жараты айыкканда той бермек болушту. Мындай ырым-жырым, салт-санаалардын далайын өткөрүштү, бири-бири үчүн жанын берүүгө даяр болуп турушат. Той бермек болуп бир күнү Толубай шарга келсе Эрмат жок экен, аны күтүп жатып калды, анткени ал зарыл иштери менен Казакстанга кеткен эле. Эртеси Алимага айтып коюп кетип калды. Ушундай күндөн эки-үч жолу кайталанды. Шамшарбектин сүннөт тоюна шашылыш келип кетишти. Андан кийин колу бошобой жатып тууган уругун чакырып той өткөрдү, Толубайлар ата-энеси менен барышты, кошумча, кийит-кече дегендер ортодо алмашып эле жатты. Ошондон көп өтпөй Наргиза шаарга барып апасын таппай калып Эрматтыкына келди, Эрмат аны жаркылдай уулун өөп тосуп алды.

- Бу кайдан жүрөсүңөр, Толубай келген жокпу?

- Жок, анын колу бошобой калды, апама учурашып келейин деп келгемин, дүкөндө жок экен, анан биякка келгем, Алима жок беле?

- Ал кечээ кайнатаныкына кеткен, менин шартым болбой калды, апам экөө келип калаар.

- Аа-а, анда биз кайра кетели, Алима жок болсо…

- Эмне болмок эле, биз Толубай экөөбүз доспуз, жатып эле алгыла.

- Уят го?

- Койсоңчу Наргиза, биз андайлардан эмеспиз да, бири-бирибиз үчүн жан берүүгө даярбыз, ортобузда жаман нерсе болбошу керек, - деп кетирбей койду, өзү тамак жасап сыйлап эртең менен жумушуна кетти, туруп бети колун жуунуп тамактанып отурганда Алима менен Канымжан келип калды, Алиманын дагы боюнда бар эле.

- Оой, ме кимди көрүп турам? - деп күлүп ийди Алима.

- Кандайсың курбум? - Экөө кучакташып учурашып анан Канымжан менен учурашып калышты.

- Жакшы жүрөсүңөрбү кызым, атаң менен апаң жакшы жүрүшөбү, Толубайдын ден-соолугу жакшы жүрөбү?

- Жакшы эле эне, баары салам айтышты.

- Качан келдиң Наргиза?

- Кечээ келгенбиз, апамды таппай биякка келсем силер дагы жоксуңар, кетейин десем Эрмат жатып ал деп кетирбей койду.

- Кетип эмне, туура кылгансың калып-калып, - деп Алима күлө кийим алмаштырды да алып келгендерин жайып дасторконго койду, - Алсаң Наргиза, кана уулум эттен алып жей кой, Шамшар чоңоюп калган тура, - деп ага күлүп ууртунан өөп койду, - Кардыңарды тойгузуп алып Залкар экөөңөр ойногула.

- Алима, биз апама барышыбыз керек, силерди күтүп жаткам.

- Барасыңар да, бүгүн бизде конок болгула.

- Эрте кел деген Толубай, кетпесек болбойт, апам Россияга кетем деп жатты эле, жолукпай калбайын, - деп болбой кетип калды, Алима ага түшүндү, узатып кала берди, эч кандай жамандык ойлогон жок, Наргиза барып апасын Россияга узатып коюп эле кайра айылга кетти, барган эле күнү болгонун бүт айтып келип Эрматтын үйүндө болгонун саймедиреди:

- Эмне Эрмат өзү эле бекен? - деди Толубай.

- Ооба, Алима кайненеси экөө эртеси келишти.

- Акемдикине эле барбайт белең анан.

- Алиманын үйүндө жок экенин билген жокмун, анан Эрмат кетирбей да койду, экөөңөр жөнөкөй достордон эмессиңер го, эмнеден тартынат элем, чынында Эрматты бир тууганымдай көрөм, - деди Наргиза.

- Мен бирдеме деп жатамбы биз доспуз Наргиза, - деп Толубай сыртынан айтканы менен ичинен ойлонуп алды: "Эч ким болбосо, экөө эле жатса, бала го жаш, ал уктагандан кийин… жок-жок, жаман ойго алдырбайын", - деп жаман болуп жатты. Булар ошентип жатканда Алима менен Эрмат дагы сүйлөшүп отуруп сөздөн-сөз чыгып отуруп:

- Баягыда Толубай келип жатып кеткендечи, ошондо айтты эле, мен сени аябай жакшы көрөм, Наргизаны сен аркылуу таптым деп.

- Сенин артыңдан дедиби?

- Ооба, болбосо чындап эле кайдан таанышмак эле, мен себепчи болгомун да туурабы? - деп күлүп койду.

- Туура, бирок Толубайды мен ээрчитпесем кайдан Наргизаны көрмөк эле, калппы? - деп Эрмат аялын карады.

- Ал да чын, бул да чын, кыскасы мен экөөңөргө тең себепкермин.

- Да-да, Толубай ошентип ыраазы болуп жүрөт деп кой.

- Ооба байкуш, Наргиза мага жакшылык алып келди деп кубанып коет, Наргизаны чын дилинен сүйсө керек.

- Сен менин сүйүүмө ишенбейсиңби Алима?

- Ишенем, ал сенин - менин сүйүүбүз да, - Алима эркелей карады, Канымжан небереси балдар менен ойносо акмалап сыртта карап жүргөн, - Биздин сүйүүбүз картайбас, эскирбес сүйүү жаным.

- Албетте, Толубай үч жолу түнөп кетти дейсиңби?

- Ооба, ошондо неге айткан жоксуң?

- Эсимден чыгып кетиптир.

- Мен барып түнөдүм, сен жок экенсиң деп Толубай деле айтпады го, анын эсинен чыгып кетти бекен, же экөөңөрдүн ортоңордо бир жашыруун сыр барбы? - деп кычылана кетти Эрмат.

- Эрма-ат, сен эмне дегени турасың, эгерде мен айтсам сен дагы кандай абалда калаарыңды билесиңби? - Алима ачуулана күйөөсүн карады, - Мен жокто Наргиза түнөп кетиптир, буга эмне дейсиң айтчы, же экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме барбы?

- Алима, сен мени чаташтырба, Наргиза келди ооба, бирок аны мен кетирбей койгом, ал тура арам оюм жок эле…

- Кайдан билем, өзүндө бир сыр бар адам гана башкадан күмөн санайт, арам оюң болбосо Толубайдын келип кеткенине неге жинденесиң, ал дагы жаман ою жок эле сени күтүп жатып калган, - деп Алима булкулдап жатты.

- Алима, урушкандан пайда жок, сен билесиң да мен өзүңдү кандай сүйөөрүмдү, кызганып кеттим окшойт, - Эрмат жойпулана тура калып кучактайын дегенде Алима ары жылып кетти.

- Кызгансаң башкадан кызган, Толубайдан кызганасыңбы, ал экөөңөрдүн достугуңарга чек коюп коем керек болсо.

- Койсоңчу эми, жөн эле айтып койдум, ошого дагы таарынасыңбы?

- Болду, эми мага сүйлөбө, сенин кандай экениңди эми билдим! - деп Алима сыртка чыгып кетти. Эрмат отурган ордунда ойлонуп жатты: "Эмнеге мынча ачууланат, экөөндө бир сыр бар, Наргиза келип кеткенден кийин айтканы ошондой, шылтоо кылгысы келген го, анда апам жок эле, булар соо эмес", - деп кыжаалат боло берди. Ошондон кийин алар ал жөнүндө сүйлөшкөн дагы жок, ошол кезде Толубайдын апасы оорубай туруп эле кете берди, Эрмат келген жок, Наргиза чебелектеп кабар айткандардан сураса айтканын билдирди, башка достору келип жанын болду, Толубайдын көзүнөн Эрмат учуп: "Эмнеге келбей калды, өзү соо-саламат болсо болду келээр", - деп күттү, бирок келбеди. Апасын коюп ызаат сыйын жасап бүткөн соң өздөрү калышты, карыз анда бир өмүрлүк жубайынан айрылган Темиркулга кыйын болду, мөгдүрөй түштү, кантсе дагы элүү жылдап жашап койгон эмеспи. Толубай түнөрүп кечинде Наргизага:

- Нази, Эрмат эмнеге келбей койду, тойго чакырганда келбесе мейли, өлүм деген кыйын экен, канатым кайрылып турганда неге келбеди? - деди.

- Кайдан билем Токе, колдору бошобой калгандыр, же зарыл иши болуп калгандыр, келет да.

- Апам деле аны жакшы көрчү эле го?

- Таарынбай кое тур, келбей кантип койсун.

- Билбейм, ушу сен экөөңөрдүн бир ишиңер бар го, ошондуктан ал менден алыстап жаткандыр, көзүмө карай албай калгандыр, - деп өз оюндагысын айта салды.

- Эмне дейсиң Токе, ушул сөз оозуңдан кантип чыкты, сенин койнуңда жатып бир барганда ошондой ишке барды деп ойлойсуңбу, мага ишенбейсиңби? - деп Наргизанын көздөрүнө жаш толо жанына келди, - Кантип ушундай сөздү айтууга дитиң барды, минте турган болсоң дос күтүп эмне кыласың ыя?!

- Балким ушунун баары сен үчүндүр Наргиза.

- Болду жетишет, эгерде мындай болсо мен баламды алам дагы кетем, күйөөм мага ишенбесе мен бул жерде жүрөгүм сыздап жашай албайм! - деп жулкуна сыртка чыгып баласын жетелеп кирди да кийинтип, өзү кийинип алып, болгон кийим-кечесин чогултуп кирди.

- Нази, оюмдагыны айтууга дагы болбойбу? - деди Толубай акырын, - Сени мени түшүнөт десем кайра кетем дейсиң, апамдан айрылып араң турам го?

- Аныңды түшүнөм, бирок арам ойлоп жанды кейиткениңди көтөрө албайм!

- Бир жолу сүйлөгөнүмдү кечире албайсыңбы, катуу сүйсө кызгануу болот, сен менин өмүрүм, жашоомсуң, кайгыга батып турганда сен баламды алып кете бергиң келеби Нази?

- Башкадан кызгансаң дагы Эрматтан кызгана турган жайың жок эле Токе, мен сен үчүн баарына көнүп айылда сенин ата-энең үчүн калдым го, төш тийгизишкен досуңдан кызганганың кантип болсун? - Наргиза ыйлап да, сүйлөп жатты.

- Кечир Нази, жаңылып калдым.

- Кантип, кантип ошону сүйлөдүң?

- Кечир эми, сөзүмдөн жаңылдым, - деп туруп келип, - Шамшар, сен эшикке чыгып турчу, - деди.

- Апам эмнеге ыйлап жатат?

- Жөн эле, чо-ң энеңди эстеп ыйлап жатат.

- Аа-а, чоң энемди мен дагы жакшы көрөм ээ?

- Ооба уулум, эми ал жок, барып ойной кой, Аскат кайда жүрөт?

- Эшикте.

- Барып Аскат менен ойной кой.

- Маку-ул, - деп Шамшарбек жүгүрүп кетти.

- Алтыным, мени кечир, кайгыда турганымда сен дагы кетем деп жүрөгүмдү кыспа, айткан сөзүмдү кайра алдым Нази, - деп кучактап калды. Наргиза унчукпай ыйлап тим болду: "Ырас эле апасы өлүп өзү кайгыда турганда кетип калсам болбойт, дагы бир жолу ушинтсе кетип калам да кайрылып келбейм", - деп көзүнүн жашын аарчып отуруп калды…

Эрмат үйгө келгенде Алима ага:

- Эрмат, батага барбаганыбыз өтө эле уят болду, той болсо бир жөн, өлгөндү кекетүүгө болобу? - деди.

- Алима туура айтат балам, деги сага эмне болгонун билбей калдым, бир күнү даам таткан жериңе миң күнү салам айт деген, тойду бирге тойлошуп, оюнду бирге ойношуп, ак кан достой болобуз деген сөзүң кана балам? - деди Канымжан.

- Апа, өзүм дагы билбей калдым, чынында өлгөнгө барбай койду абдан эле уят болду, өзүм дагы ойлонуп калдым.

- Кой, кечээ эле койду, ысыгы тарай электе барып бата кылып келели, - деди Канымжан өктөм, - Камынгыла.

- Жарайт апа, эртең эрте жөнөйлү.

- Мына уулум, эми өзүңө келдиң, - деп Канымжан кубанып кетти, анан Алима экөө камынып, кийит-кечесин даярдап коюп жатып калышты, эртеси эрте туруп жолго түшүштү. Алар келгенде Толубай үйдүн капшытында үңкүйүп отурган эле, Эрмат түшүп эле катуу өкүрүп келди, Канымжан менен Алима боз үйгө киргенде Наргиза ыйлап отурган кызы жери алыс болгондуктан коеру менен эле кетип калган болчу. Эрмат көпкө өкүрдү да Толубайды кучактап алып дагы ыйлап жатты.

- Кечир досум, үйдө жок элем, чогуубуз менен Казакстанга кетип калдык эле, кечир мени, - деди бир топтон кийин.

- Түшүнөм досум, мен дагы сени укпай калдыбы деп ойлодум, анын эмнесине кечирим сурайсың, ушинтип апамдан айрылып калдым, - деп Толубай ыйлап туруп анан боз үйгө кирип куран окуду, Алима келип Толубайды өөп6

- Кеч келип калдык, таарында аяш, ушундай болуп калды, - деди, Канымжан дагы учурашып өптү. Темиркул ошол күнү ооруксунуп үйдө жаткан, ага чогуу кирип учурашып чапан жапты. Наргиза дасторкон жайып чай алып келди. Өткөн кеткенди сүйлөшүп отурганда Наргиза тамак асып коюп келди, толубай капачылыгын унутуп калмак беле сыртка чыгып Эрмат экөө көпеө сүйлөшүштү, ошондо гана алар ортоло болор-болбос нерсеге таарынып жатканын сезип калышты.

- Эрмат, мен барганда жок элең, мындай болоорун билгенимде конмок эмесмин, эгерде андай жаман ойдо болсом ант уруп кетпейби?

- Ооба, мен дагы адегенде жаман ойду ойлоп алып өзүм кызык болдум, биздин кудай алдында берген антыбыз бар экенин эстегенде гана өзүмдү жаман сездим, - деди Эрмат күнөөсүн мойнуна алып, ошол убакта Алмаз келип калды, ал жакын тургандыктан бат-бат келип жардамдашып турчу, кээде Толубай экөө бирди алып ичип көпкө сүйлөшүшөт, азыр дагы бир бөтөлкөнү койнуна ката келген.

- Ох-хо, Эрмат мырза келип калган тура, мен Токеме көңүл айтып кобурашып келейин деп эле келгем, кандай акыбал?

- Жакшы-жакшы өзүң кандай?

- Шүгүр, кудай деп коюп бекерчиликтен башты каңгытып жүрөбүз да, - деп Алмаз күлүп койду, - Токе, бир идиш алып чыкпайсыңбы?

- Үйгө эле кирели, эшик суук болуп турат.

- Макул, үйгө кирсе кирели, - деп үчөө ичкери киришти. Толубай үйүн мебелдер менен толтуруп койгон, эшигинде мурункудан малы көп, жээрдеси баягыдан кийин дагы эки жолу баш байгени алган соң аны сатып ийишкен, анткени Алымбек ага асылып туруп алган эле. Андан кийин Темиркулду ээрчитип барып Эрмат айтканындай эле эки жаш тай алып келип ошону багып жаткан, ичке кирип орун алышкандан кийин Канымжан Темиркул экөө бир бөлмөдө кобурашып отурушту.

- Азимбү ооруду беле? - деди Канымжан.

- Жок, ооруган деле жок, жакшынакай эле жүргөн.

- Ээк кудай, жараткан жакшы адамга жакшы өлүм берет тура, - деп шыпшынып алды.

- Карыганда эркектин жалгыз калганы жаман экен, - деп үшкүрүп койду, - Ошол күнү түндөсү бир ойгонсом сырттан кирип келе жатыптыр, менин ойгоо экенимди көрүп: "Чал, мага келишиптир, тизмеге илип койдук даярсыңбы дейт, мен такалбай эле ооба деп жибердим, жанагы пенсияны көбөйтөт дегенинен ойлоп койдум эле, ошонуку го?", - деди: "Койсоңчу, түш көргөнсүң го", - десем: "Жо-ок, узатып коюп келдим, даярдана бер дебедиби", - деп мени карап күлүп койду: "Түн жарымында сенин пенсияң үчүн келмек беле, кой кемпир, дөөрүп жатасың го", - дедим, ал кайра: "Ошондой эле болсун, капырай көз көрүнөө келгени эмнеси, илгери апамды дагы ошентип алып кеткен экен", - деп унчукпай калды. Мен уктап кетипмин, эрте туруп алып суу ысытып жуунуп, башын жууп жаңы жоолугун салынып алыптыр, мен унчуккан жокмун, чогуу чай ичтик, Азимбү бир чыны чай ичип кайра кыңкайып калды, ошол бойдон турган жок, - деди Темиркул кейип-кепчий.

- Жакшы киши тура, камынып алып кеткен.

- Ошондой болду, уктаган бойдон кетти байкуш.

- Кайрат кылыңыз эми, бирге жүргөн адамдан айрылуу өтө жаман экенин билем, курандан башка айла жок, - деп Канымжан тим болду, Темиркул дагы унчукпады, Наргиза аларга тамак алып кирип берди, анткени Эрматтар ички бөлмөдө ичип жатышкан, бакылдап үндөрү чыга сүйлөп жатышты.

- Толубай, - деди Алмаз, - Сен эми өзүң атасың, менин апам жашымда өлүптүр, кандай экенин билбейм, өгөй энемдин жакшылыгынан гана турам, байкуш бир дагы өгөйсүнткөн жок.

- Эми турмушта ар кандай болот тура, мен атамдан эрте ажырадым, - деди Эрмат, - Менин апам отузга чыкпай төрт бала менен жесир калыптыр, бизди жалгыз өзү багып өстүрдү, апама абдан ыраазымын, жашында калса дагы күйөөгө тийбей бизди өстүргөнүнө, - деп Толубайга кайрылды, - Эми сен арман кылба, багып тиктиң, жаман айткан жоксуң, өз колуң менен узатып ызаат-сыйын жасадың, - деп унчукпай калды.

- Канткен менен жаман экен, эстегенде өзүмдү кармай албай кетип жатам, - деп улутунуп алды Толубай.

- Кайгыра бербе, өлүм деген ошол, кайгыртат-кемитет, өкүнтөт дос, аяш атам турат, балдарың бар, кудайга шүгүр де…

- Туура, кайрат кылышың керек.

- Макул, силерге рахмат достор, кыйын күндө кайгымды бөлүшүп кашымда отурасыңар, - деди Толубай, Алмаз кеткенден кийин Наргиза менен Алима сүйлөшүп алышып эки досту сынап көрмөк болуп заматта айтыша кетишти.

- Өзүң ойлосоң Алима, сенин үйүңө мен Толубайды барба демек белем, бирок Эрмат жокто түнөп калганы эмнеси, күйөөсү жок аял башка эркекти киргизбейт илгертеден эле, бирдемеңер бардыр да! - деп Наргиза кирди, алар аркы бөлмөдө болчу, эшикти ачып койгон.

- Кызыксың го Наргиза, сенин андай арам ойдо болооруңду билбептирмин дагы, анда эмнеге өзүң аялы жокто барып түнөп каласың, өзүңөр соо эмессиңер, болбосо күмөн санабайт болчусуң.

- Биз эч кандай жаман иш кылганыбыз жок.

- Бизди ким көрүптүр анан, мен экөөнүн достугу үчүн эле жаман оюм жок кетирбей койгомун, анда мындан ары бүттү, дос болбосо койсун!

- Биз кеттик анда, - деп Алима чыга калганда Эрмат менен Толубай делдээ бири-бирин карап туруп калышты, - Эрмат, бол кеттик, бул жерде эч кандай турбайм, - деди Алима ага.

- Эмне болуп кетти, силер соосуңарбы? - деп Эрмат тура калганда Толубай Наргизанын жанына кетти.

- Эчтеке, кеттик үйгө.

- Неге?

- Сен жокто Толубай барып түнөгөнү үчүн сен таарынсаң, мен жокто Наргиза барганы үчүн мен таарынбайынбы, кетебиз бас! - деп чындагандай эле сумкаларын алып, уктап жаткан уулун ойготмок болду Алима.

- Эй силерге эмне болду ыя? - деди Толубай Наргизага.

- Көрүп турбасыңбы?

- Эмнени көрүп турам.

- Уруша кектиик, эми болмок беле?

- Нази, кудай жалгагыр, кайдагыны баштадың?

- Мен баштаган жокмун.

- Ким, Алима баштадыбы?

- Ооба, анын сөзүн уксаң чыдамак эмессиң, кете беришсин, эми бул жерге келбес болот, - деп Толубайдан кандай сөз чыгаар экен десе дагы ал калдастап эмне кылаар айласын таппай жатты, аркы үйдөгү карылар угуп калбасын деп экөө тең катуу сүйлөгөн жок.

- Кетем дедим кетем, сен кала бер! - Алима эшикти көздөй жөнөдү.

- Кете бер, силердин кеткениңерден ким коркот экен! - деди Наргиза бир туруп жини келип, бир кезде Эрмат Алима чыгып кеткенде апасына кирмек болгондо Наргиза жетип келди, - Жолдош Эрмат, ал кишиге тийишпе, ал биздин дагы апабыз.

- Түшүнсөм буйрубасын, апамдын силерге эмне кереги бар, алып кетишим керек, - деди Эрмат, ошол убакта Алима сырттан күлүп кирип келгенде айлалары кетип турган эркектер эч нерсеге түшүнбөй туруп калышты.

- Кандайсыңар достор, урушуу оңой эле бекен? - деди Алима, ага карап, Наргиза көзүн кысып койду эле эч сөз айтууга кудурети келбей туруп калышты.

Мээрим Толубайдын үйлөнүп балалуу болгонун угуп Аскатты жеткирип келгенден бери өздөрүнчө турушат, Зыйнат асыла бергенинен улам Султан Мээрим менен чыгып кеткен. Ар кимдин үйүнө кирип жашап жүрүштү, дагы бир эркек төрөп алган, баласы абдан ыйлаак, колунан түшпөйт, эккен эчини, айдап койгон эчтекеси жок кайра эле апасына жетип барышат, Асел ошол жерде, Айкөкүл жаңы келгенде созулуп эле жаткан, эки жагы менен таанышып, көнүп сырын билгенден кийин сыр көрсөтө баштады. Бир күнү жети жашар Асел эшиктин алдында ойноп отуруп Айкөкүл кирин жууп жатса порошокту төгүп койгон экен:

- Ээнбаштык кылбай жүрөсүңбү ыя? - деп чыпылдатып чаап жаткан экен Зыйнат чыга калды.

- Аны эмнеге уруп жатасың?

- Порошокту төгүп коюптур.

- Бала неме төксө төккөндүр, анча эмне урасың кокуй, ал сага жетим кыз беле? - деди ачуусу келип.

- Ушунча дагы бейбаш болобу, сиз болушпай эле койсоңуз тарбиялап коеюн, - деди Айкөкүл кайра чыртылдай.

- Болушпай коеюн, өлтүрүп койгула ботом.

- Ушинте берсеңиз ого бетер эркелей берет да, какыс-кукус кылып коюш керек апа, - деди Айкөкүл.

- Сен өзүң төрөгөн баланы какыс-кукус кыл балам, бул бирөөнүн баласы, аман-эсен чоңойтуп койсом экен, ошого кудуретим, өмүрүм жетээр бекен деги? - деп Аселди сооротуп ичке алып кирип кетти, Айкөкүл кирин жууп бүтүп тултуңдай төркү бөлмөгө кирип ошол бойдон чыкпады. Зыйнат карды ачканда термосун алып келип: "Кудай мага келинден да айткан жок, келгенде тепилдеп эле келди эле, жанагы менин жаман баламдын сырын билип алды го, тили чыга баштады", - деп ойлонуп эне жүрөгү миңге бөлүнө зыркырап барып чай ичкен болду. Өзүнөн дагы Аселди тойгузуп көңүлү жайлана түшүп бүкчүңдөй төшөгүн салып жатып калды. Бир кезде Урмат келип ички үйгө киргендей болду, аздан соң ал жаткан бөлмөгө кирди:

- Ушу жалаңкычтарыңа болушуп эмне кыласың ыя апа, андан көрө бергиле атасына, - деди кирип эле.

- Эмне болуп кетти?

- Айкөкүл ыйлап жатат, кызыңа болушуп урушупсуң.

- Капырай, урушкан деле эмесмин, - деп Зыйнат өйдө болду.

- Койчу апа эй, ушуларды берип андан көрө жаныңды бакпайсыңбы.

- Атасына керек болсо бакпайт беле, өлгүчө багып турайын.

- Эртең дагы ошо жалаңкычың бейбаштык кылса дубалга бир чаап өлтүрүп салам! - деп коюп чыгып кетти.

- Олдо-о куураган кыз ай, эрге тийбей куруп эле калсаңчы, эки баланы жалдыратып коюп анан өз жанын багып жүргөнүн кара, туубай туна чөккүр! - деп жини келип сүйлөнүп жатып калды, эртеси Мээрим эрте келип калды, Султан кошо жүрөт.

- Бу силер ээрчишип эле жүрө бербей бир иш кылсаңар боло, кардыңар ачканда берип карай жөнөйсүңөр, - деп Зыйнат кыз-күйөөсүн урушуп кирди.

- Иш жок болсо эмне кылабыз? - деп Мээрим тултуңдап калды.

- Эл жанын багып жатпайбы, силерге кандай эле иш жок, жалкоо адам элди эмес өзү жарыбайт, алдагы балаңарды да багышыңар керек, жаныңар болсо кыймылдагыла.

- Апа, мен мал багып иштейм, жайында чыкканга сүйлөшүп койдум, - деди Султан.

- Ошенткиле, нары-бери жетелешип жүрө бербей, бул заманда ачка каласыңар иштебесеңер, - деди Зыйнат.

- Иште-иште дейт, айылда иш болбосо эмне, - деп атырылды Мээрим, - Силерден сурап жатабызбы?

- Кардыңарды тойгузуп эл катары оокат кылсын деп жатпайынбы өлүгүңдү көрөйүн десе, - деп ачууланган Зыйнаттын жанында отура албай Султан сыртка чыгып кетти, - Мына бу кыздын азабынан келинге дагы жаман көрүнүп жатам, же туугандан кийин бакпай, эрге тийгенче ушуларды чоңойтсоң болмок.

- Ушул элеби, өлтүрүп салам анда, оор көрсөңөр, - деп жанында бей капар чай ичип отурган Аселди дүңк эттире жонго бир койду эле ал чаңырып ыйлап ийди, - Өлүп кет, өлбөдүңөр го, силер үчүн куурап жаман сөз угуп жатам.

- Өлтүрбөй - этпей атасына жеткирип бер, менин дагы көзүм көрбөсүн, зээнимди кейитип отурамбы?

- Жеткирсе жеткирип берем эле, - деген Мээрим туруп полду дүңк-дүңк эттире басып чыгып кетти. Зыйнат зээни кейий өзү урушуп алып кызына боору ооруп зыңгырай отуруп калды: "Аттиң ай, бу курган өмүрдү балдарымдан көөнүм тынбай жүрүп өткөрөт экенмин го, карыганда бир тынчыраак жашап өтсөм болбойт беле", - деп жүрөгү сыздап жатты. Ал күнү Айкөкүл төркү бөлмөдөн чыкпады, бир чыгып чайнекке чай демдеп алып кирип кетти, Зыйнат үндөгөн жок.

Кечке маал эшикке чыкканда Зыйнат.

- Ийи балам, бир сүйлөп койгонума ушунча көгөрдүңбү? - деди.

- Көгөргөнүм жок, бөйрөгүм ооруп жатат.

- Бирди туубай жатып эмнеге ооруйт, догдурга көрүн анда.

- Суук тийип калса керек апа.

- Жылуулан, кечкиге бирдеме кыласыңбы, же өзүм жасайынбы? - деди келинин сынай караган Зыйнат.

- Өзүм жасайм апа.

- Мейли балам, Мээримди деле сыйлап кой, анда-мында келет экен, үйү-жайы бөлөк, ушинтип жүрө бермек беле, булар дагы киши болоор…

- Мээримге эчтеке дегеним жок апа.

- Ошент айланайын, - деп койду Зыйнат, эне жүрөгү уул-кызын, келиндери менен күйөө баласын ынтымактуу болсо деп ойлонот, көзүнүн барында ушулары өз-өзүнчө тынып, өз оокатына тың болуп калса деп тилейт, андан башка энеде кайсы күнөө. Айкөкүлгө деле сүйлөгүсү келбейт, кээде ачуусу келгенде айтып деп калганы болбосо анча заар кайненеден эмес. Мээрим эки-үч күн жүрүп кир-когун жууп, өзү жуунуп алып анан Султанга баласын таштап коюп кайдадыр кетти. Ал дагы эне, бага албай энесинен тил угуп жатса дагы Аскатты сагынып көрүп келгени кеткен, апасына же Султанга айткан жок. Кайненесинин өлгөнүн угуп: "Толубайдын аялы Аскатты жакшы көрмөк беле, чоң энеси барда го мейли, эми алып баса берейин", - деп ойлонбой туруп кетип калган. Аскат онго чыгып данектей болуп калган, ошол күнү рогатка менен коңшусунун терезесин талкалап коюп качып кетиптир, андан ары барып кайра бир тооктун бутун сындыра коюп үйүнөн алыстап кетип балдар менен кеч күүгүмгө чейин ойноп жүрүп алган экен, эки коңшусу бирдей келип чыр чыгарышты. Толубай көчөдөн кыдырып Аскатты издеп таппай келгенде эшикке кире бериштен Мээримге жолукту.

- Кел кандайсың?

- Жакшы, мен Аскатка келдим эле.

- Ал ойноп жүрсө керек.

- Алып кетейин дегем, кеч болуп кетти, качан келет?

- Кайдан билдим, ойноп жүргөн баланы.

- Алып кете берейинби, эртең менен келем.

- Алсаң алып кет, келгенде келип тураар, чоңоюп калбадыбы, - деп дарбазасын ачып кирип кетмек болгондо Мээрим.

- Алса- алып кет дейсиң, кызыңды бир көрүп койбодуң, атайын качып эмне таптың, менин да турмушум бар, экөөнү тең өзүң алып бак, - деди жиндене, - Бала мага эле керек бекен?

- Өзүң бил, бага албасаң алып келип бер, сен энесиң да, сагынса алып кетсин дегем, - деп койду Толубай. Аңгыча Аскат келип калды.

- Апа! - деп Мээримди кучактап калганда Толубай:

- Балдарды ар жак, бери жакка сүйрөбөй бир жерге койбойсуңбу, орто жолдо жаман болуп калат экен, эгерде алып кетсең алып келбе, таштасаң басып келбе! - деди.

- Сен эмне мени балдарымдан ажыратмаксыңбы?

- Ажыратайын дегеним жок, балдар бир жакта өссүн дегеним да.

- Бак анда, экөөнү тең алып кара, кыйрата тургансып айтканын кара, - дегенде Аскат.

- Апа, сен менен эле кетейинчи, - деди.

- Мен сени сагынып келдим балам, кал атаң менен, эртең Аселди да алып келем, - деди Мээрим.

- Ары-бери сүйрөп жүрүп Аскат ээнбаш болуп калды, болду андай болсо Аселди алып кел дагы экинчи келбе, бас үйгө Аскат, - деп Толубай Аскатты колунан алды, - Жүрү үйгө кир, кардың ачкандыр.

- Апам менен кетем, - деп Аскат Мээримди кучактап ыйлап ийди.

- Эмне болсоңор ошо болгула, - деп Толубай кирип баратканда:

- Кийим-кечесин алып чыгып бер, - деди Мээрим.

- Азыр, - деп кирип кетип бат эле баштыкка салып алып чыгып берди, - Экинчи алып келбе, биротоло багып тарбияла, - деди да жаңы койгон дарбазасын тарс жаап ичинен илип алгандай болду.

- Баланын кусуру урсун, ылайым жакшылык көрбө, алып келмек турсун көзүңө көрсөтпөйм! - деди да кара күүгүмдө Аскатты колунан жетелеп алып жөнөдү.

- Апа, эмнеге сен кетип калдың, атам менен чогуу эле жашасак болбойт беле? - деп Аскат айтканда Мээрим аны колунан силкип койду:

- Жөн басчы!

- Апа, сен ыйлап жатасыңбы?

- Жөн бас дейм!

- Ыйлабачы апа.

- Өлүп кеткен өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, силер үчүн баарына жаман көрүнүп бүттүм, - деп булкулдай айылдын орто чениндеги таежесинин үйүнө келип жатып алып эртеси эрте туруп үйүнө такси менен келип калды.

- Кайда жүрөсүң ыя, түнү бою балаң ыйлап уктаган жок, - деп Зыйнат көрүп эле жемелеп кирди.

- Мени жеп алгылачы, ушу жашоодон дагы тоюп бүттүм, - Мээрим ыйлап баласын алып отуруп калды.

- Аскатты эмне алып келдиң кокуй, кызың батпай жатса эми муну алып келип, мени өлтүрөсүң го?

- Алып кет деп айттырып жатса эмне кылам? - Мээрим калп айтып койду, сагындым десе ого бетер жеме угаарын билет.

- Барбай эле койбойсуңбу, өз атасы өлтүрүп иймек беле?

- Өлтүрбөйт деп таштап коембу, мени дагы түшүнсөңөр боло, мен да энемин апа, баласын алып кетсин деп жатса кантип барбай кое алам? - деп ыйлап жатты.

- Болуптур эми, өлбөсө чоңоеор, - деген Зыйнат кызына боору ооруй унчукпай отуруп калды. Аскат үйгө кире электе эле эшиктин алдында ойноп жатып оттоп турган тооктун бирин жыга чаап койгон экен көрүп калган Айкөкүл:

- Апа, Аскат бир тоокту жыга чапты, - деди кирип эле.

- Кайсы тоокту, эмне кылып жыга чапты?

- Кайдан билем, тырпырап жатканын көрүп калдым.

- Аскат келсе эле бирдемени айтып каласыңар, ошол тоогуңарды төлөп берейинчи, өзү өлгөнү калса деле Аскат, Аскат деп жатып калышат, - Мээрим бултуңдап чыгып колуна рогатка кармап ойноп турган Аскатты уруп-сабап жатып калды, - Дегеле эч жерге батпай койдуңар, өлтүрүп коюп эс алайынчы, өлбөгөн шүмшүктөр, экөөңөрдү тең бир күндө көмүп салам, сурап алаарыңар жок! - деп үйдөн чыгып карап калган Аселди да жетип бир муштаганда ал чаңырып ийди.

- Тигил жиндини кой де Султан, балдарды өлтүрүп койбосун, - деп Зыйнат бөкчөңдөй туруп сыртка алдастай жөнөдү. Аскаттын мурду канап чекеси жарылып кетиптир, долуланган Мээрим аны өлөөрүнө карабай тепкилеп жатканда Султан колунан кармап берип тартты.

- Болду эми, өлтүрөсүңбү?

- Турчу нары, сен эмне келдиң, сенин ушулар үчүн бооруң ооруйбу ыя, өлтүрүп койсо деп турасыңбы же табалаганыңбы? - деп түртүп ийди, - Бар жолобогула жаныма! - деп бакырып жатканда Айкөкүл Аселди көтөрүп үйгө кирип кетти, Аскатты чырылдап Зыйнат арачалап алды, Султан Мээримди кармап сооротуп жатты:

- Болду, өзүңдү бас, баланы өлтүрүп алсаң эмне болот, болбогонго эле жиндене берсең жаман болот.

- Анан эмнеге Аскатка асылышат, тоок өлсө эмне экен, унчукпай эле койсо эмне болот?

- Тоок болсо дагы керек да, өлтүрүп койсо айтат, анын эмнесине ачууланасың, укмаксан болуп кое бер, сен деген үч баланын энесисиң, токтолбойсуңбу, балдар дагы чоңоет, анан эле билинбей калат, сен менин ишенген адамымсың го, сени жакшы көрөм, а сен болсо болбоско ачууланасың, балдарды экөөбүз чоңойтобуз, - деп экөө үй артындагы жолугушуп жүрчү жерде турушту. Мээримдин көз алдында үйүн заңгыратып оңдоп, дарбазасын койдуруп, керсейе: "Экинчи келбе, балдарды алып кетсең кайра алып келбе", - дегени кулагына угулуп ызаланып жатты: "Мени таштап коюп башка аял алып байып калганга көпкөнүн кара, катының менден жакшы болсо көрөөрмүн, балдарым менен менин көз жашым урсун", - деп көкүрөгүндө ыза болуп отурду.

- Мээрим, баскыла үйгө, - деп Зыйнат келди.

- Азыр, бир аз кое тургулачы.

- Балаң ыйлап жатат, эмгизбейсиңби ботом.

- Азыр, - деп Мээрим Султанга карады, - Баланы алып келчи, ушул жерден эле эмгизем.

- Сырт суук болуп турат, үшүп калбайбы?

- Үшүбөйт, алып келе бер, - деп койду Мээрим, Султан Мээримдин тилинен чыкчу эмес, айтканын жасайт, кыскасы отур десе отуруп, бас десе баса турган. Шыпылдап баласын көтөрүп келди. Аскаттын бети башы шишип, көздөрү көгөрүп онтоп чыкты, Зыйнат аны карап эти ысыганынан дары берди, бала онтоп жатты, катуу урганга алдастап жөөлүп чыкты. Эшиктен кирген Мээрим баласынын түрүн көрүп ого бетер эзилип жанына отуруп алып ыйлап жатты: "Эмнеге урдум, андан көрө таштап баса бербей, көзүм көрбөсө жүрө бербейт белем, эптеп чоңоет эле го, бул жерден кимиси муну башынан сылап коймок эле, мен акылсызмын, ойлонбой иш кылып алам, неге ушундаймын, баламды неге урдум", - деп сүлкүлдөп жатты.

- Кел Мээрим, тамак ичип ал, - деди Зыйнат ичи түтпөй.

- Иче бергиле.

- Балаңды өзүң уруп алып кимди кекетесиң, тамак ич дегенден кийин ичип ал да, - деп Урмат бурк этти.

- Ичким келбей жатат.

- Болуптур, анан ичет, - деп койду Зыйнат.

- Болду эми, анын жанында отура бербей, баланы ошончо урасыңбы? - деп койду кайра боору ооруй Урмат.

- Көрүнгөнүңөр асыла берсеңер урам да, элдин төркүндөрү жээнин жакшынакай эле багып чоңойтот экен, менин балдарымды батырбайсыңар, буларга эчтекеден айтпаптыр, - деп кайрадан буулугуп ыйлап кирди Мээрим.

- Болду эми, ыйлай бербей, бала деген токмок жеп чоңоет, андан эчтеке болбойт, өзү дагы башкача ээнбаш, бияктан айтсаң кайра эле шоктонуп турат, - деп Зыйнат жумшактай сүйлөдү, - Ага эле эмнеге ыйлайсың, эртең ойноп калат.

- Катуу уруп койдум, тоогуңарга тызылдабасаңар урбайт элем, - деп баласынын жанына жатып алды Мээрим, Султан басып калган баласын көтөрүп уктатып тамакка отурду. Урмат менен Айкөкүл тамакты ичип алып өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти.

- Айко, сен мага качан төрөп бересиң? - деди Урмат өздөрүнчө киргенден кийин.

- Төрөгүм келбейт.

- Эмнеге?

- Сенин эки балаң башка жакта жүрбөйбү, Аскаттарды көргөндө ошону ойлоп кетем, сен ичкениңди койбосоң мен да кетип калышым мүмкүн, анда менин балам дагы кор болсочу?

- Кайдагыны айтпачы, сен эч жакка кетпейсиң.

- Иче берсең кетем. Сөз бересиң, аткарбайсың.

- Чын айтам, ичпейм.

- Көрө-өбүз, - Айкөкүл терс бурула кетти.

- Көрөсүң, ичпейм дегенден кийин ичпейм.

- Макул эми, ичпесең эле ойлонуп көрөм.

- Эң биринчи уул туруп бересиң.

- Макул, заказ алдым, - Күлүп койду Айкөкүл.

- Сен эч ойлонбо, көп деле ичкеним жок го?

- Күндө кызуусуң го?

- Кээде боло берет, бекерчи болсом табылат да.

- Ичпей койсо болбойбу?

- Болот, зериккенде ичүүгө туура келет, - Кучакташып жатып алып сүйлөшүп кирди, - Мен сени сүйөм, ошондуктан айтканыңды аткарам.

- Ишенем, анткени мен дагы сени сүйөм!

- Алтышка, мындан ары грамм ичпей келем, а сен мага өө-өлай төрөп бересиң э?

- Жарайт.

- Жаным, алтышкам.

- Болду эми уктайлы.

- Азыр эрте эле го, уйкуң келдиби?

- Ооба, уйкум келип жатат, карасаң көзүм жабышып баратат.

- Ма-акул, уктай гой алтышкам, - деп өөп коюп кучактап жатып калды, ошол бойдон кереметтүү уйкунун туткуну болуп мемирей жатып калышты. Эртеси Аскат ордунан тура албай онтоп, ысытмасы көтөрүлүп жатканда ооруканага алып баруудан чочулашып дары берип карап турду Мээрим, көзүндө жаш, өзү дагы көздөрү шишип калган.

- Апа, эми эмне болот? - деди үрпөйө Зыйнатты карап.

- Кудай сактасын, жакшы болуп кетет, чекесине суудан бас.

- Жакшы болуп калса экен.

- Коркпо, эртең эле ойноп кетет, өчүң бардай урдуң да, бирдеме уксаң керек, өзүң ачуулуу келдиң, - деди Зыйнат.

- Эчтеке укканым жок, жөн эле ызаландым.

- Толубайды мактап жатышат, өткөндө эки-үч жерден аты байга алыптыр деп уккам, кызы менен баласын өзүңдү кыйнай бербей эле берип койсоң болот эле…

- Апа-а, ошол бакса мен бергим келбей жатат дейсиңби?

- Мейли-мейли, чоңоер кудай аман койсо.

- Эгерде макул десе Аселди дагы берейин дегемин апа, анын Аскаттан тажап калганын билдим, анан кантип ызаланып ачуум келбейт, өз баласынан атасы тажап жатса башка бирөө жактырабы? - дагы ыйлап кирди, - Бул экөөнүн шору көп экен, булар деп мен дагы куурайм го чоңойгуча…

- Кой садагаң кетейин, кейий бербе, ага дагы кудай бардыр, баланын убалы жетет, көзүм өткөнчө эптеп багам, андан кийин боор көтөрүп калышса кор болбойт, - деп кызын тынчтандырды.

- Бейбаштыгы да өтүп жатпайбы, жоошураак болсо жүрө берет эле, - деп эне-бала сүйлөшүп жатканда Аскат кы-кыстап көзүн ачып:

- Апа, апа суу! - деди.

- Азыр, суу берем балам, - Мээрим тура калып муздак чай алып келип башын өйдө кылып ичирди, кылк-кылк эттире жутту да:

- Апа, мени эмнеге урасың? - деди.

- Сен шок болуп жатпайсыңбы?

- Атамдан коркуп качып келгенмин да.

- Эмнеге?

- Каныбектердин терезесин сындырып койгом, Сырга апанын тоогунун бутун чолок кылгам.

- Ошондой шоктук кылбай жүрбөйсүңбү анан.

- Рогатканы атсам эле тийип кетип жатпайбы.

- Экинчи атпай жүр макулбу, рогаткаңды мен алып бекитип коеюн, - деп Мээрим Аскатты башынан сылап өөп койду.

- Рогатканы экинчи атпайм апа, мени кечирип койчу.

- Алтыным десе, кечирбей анан, сен чоңоюп калбадыңбы, а сен чоңойгонуңду билбей эле шоктук кыласың, Аселди урасың, антпей карындашыңды ойнотуп жүр да.

- Ооба, мен эми бейбаштык кылбайм, сенин сөзүңдү угам апа, - деп сүйлөп калганда ага чай берип көзүн карап калышты.

- Аскат, сен жакшы болуп калдыңбы? - деп Асел анын жанына келди, кыз эмеспи, бир тууганына жан тарткандай болуп бетинен сылап жатып, - Сен эми оорубайсыңбы? - деди.

- Эми Аскат оорубайт садагаң, - деп Зыйнат Аселди өөп бооруна кысты, - Ар кимдин өз бир тууганы өзүнө кымбат да тобо-о, Аскат экөөңдү эптеп боору көтөртүп койсом анан өлсөм арманым жок эле, - деп оор үшкүрүнүп алды. Мээрим менен Султан райондон батир алып көчүп кетишти. Аскат менен Асел Зыйнаттын колунда калды, Урмат аны көрсө эле жини келип кагып силкип турат. Бир күнү коңшунун баласы менен урушуп кетип үйгө келгенден коркуп жол боюнда ыйлап жатса Урмат көрүп калып желкесинен кармап сүйрөп эшиктин алдында отурган апасынын алдына түртүп ийди:

- Бу шүмшүгүңдү кой дебейсиңби, көрүнгөн менен мушташып жолдо ыйлап жүрөт.

- Ким менен уруштуң ой бала?

- Марсел өзү мени жетим дебедиби?

- Эмнеге, жетим эмесмин дебейсиңби.

- Жетимсиң, сени эч ким жакшы көрбөйт, сен таштандысың деп мени шылдыңдады, - деп жер чукулап Аскат ыйлап жатты.

- Калп айтат, сенин атаң-энең бар да балам, мен Марселдин апасын айтам, кой ыйлаба, - деп Зыйнат сооротуп койду, - Бара гой, суу алып келе калчы, Асел экөөңөр сууга барып келгиле.

- Азыр тайне, жуунуп да келейинби?

- Ооба, бети-колуңду жууп кел, сууну көтөрүп бутуңду булгабай кел макулбу?

- Ооба тайне, - деп Аскат бат эле ызасы тарап ойноо неме сууга чакаларды көтөрүп жөнөп кетти, Асел аны менен кошо тыпылдап жүгүрүп кетип баратат: "Аа-а, байкуштарым ай, атаңарга жетсин убалыңар, ушунча кор кылган, менин колумдан эмне келет, чабалекейче чыйпылдап коргогонум менен аргам жок да", - деп ойлонуп ар бир саатта ушул эки наристенин келечегин ойлонуп сай-сөөгү сыздачу болду. Чаканы эптеп көтөрүп Аскат, анын артында Асел жетип келди:

- Тайне, суу алып келдим, - Аскат эдиреңдей келип калды.

- Мен дагы тайне, - Асел ага жете кошо кыйкырды.

- Ай-лаанайындар десе, үйгө киргизип койгула, жеңең тамак жасасын.

- Ооба, - деп Аскат үйгө кирип кетти. Билинбеген күндөр бири-биринин артынан бири өтө берди, арадан алты ай өткөндө Аскат үчүнчү класска окуп жатты, бирде ыйлап, бир сооронуп, бири эсинен кеткис күн болуп кала берсе, кээси унутулуп кала берип ай жылга алмашып өтө берди. Зыйнат катуу ооруп калып ооруканага жатмак болгондо Толубайдыкына такси менен эки баланы алып келди. Аны көрүп эле:

- Келиңиз апа, - деп жиберди Толубай, - Жакшы жүрөсүзбү?

- Жакшы айланайын, мен сенин аманатыңдан кутулайын, мен картайдым, ооруп жатам, эртең ооруканага жатам, Мээримдин өз үй-бүлөөсү, баласы бар, Аскат менен Аселди өзүңө тапшырайын.

- Мейли-мейли апа, алып келгениңиз жакшы болду.

- Өзүңдүн балдарың, кандай чоңойтсоң да эрк өзүңдө балам, эми Мээримге таңганыңды кой, - деди да Аскат менен Аселди өөп кайра эле келген такси менен кетип калды. Толубай уулу менен кызын көрүп анча кубанбады, эшигинин алдында "Ауди-100" машинасы туруп калган. Экөөнү өөп үйүнө кабак бүркөй кирип кетти. Мээрим балдарын жеткирип бергенин Зыйнат ооруканага жатканда угуп тим болду: "Бакса баксын, балдарым жаман болуп кетти, кудай ай деги күйөөгө эмнеге тийдим экен, ушул экөөнү кор кылбай чоңойтуп алып деле тийбейт белем", - деп ичинен сызып алды. Султан жоош болгону менен балага катаалыраак болчу, эшикте ойноп жүргөн жеринен башын оорута матек алып, кулакка чапкылап, же байкатпай түртүп ийип ыйлата берчү. Аскат Султанды абдан жаман көрөт. Ал базарга жүк ташуучу болуп иштеп калган, кечинде келгенде Мээримдин кабагы бүркөө экенин көрүп:

- Эмне болду? - деди.

- Эчтеке, апам ооруканага келип жатып калды.

- Ооруп жатыптырбы?

- Ооба.

- Жакшы эле бекен?

- Ооба, сууктан ооруп калса керек.

- Анан эмнеге капаланып алгансың?

- Балдарды апам атасына берип коюптур.

- Берсе берет да, өзү ооруп жатса кантип карамак эле?

- Сен жакшы болсоң ошолорду өзүм эле карайт элем.

- Мээрим, болбогонду айта бербесең, кантип багабыз, экөөбүз өзүбүздүн кардыбызды тойгуза албай жатып кантип айтасың?

- Жок дегенде жанымда болот эле.

- Ачка алып жүрө берет белең?

- Мен ичкенди ичип жемек, эптеп өзүм карайт элем.

- Кой Мээрим, жаман айтышпайлы, кечке чарчадым, - деп Султан сыртка чыгып кетти, Мээрим чай кайнатып даярдап алдына койду.

- Канча иштедиң?

- Жүз элүү сом таптым.

- Жакшы болду, чай менен май алып алалы, эртең базардан эле шекер ала кел макулбу?

- Ооба, - Султан карды ачканга чайды ичип жатты: "Өзүбүздү тойгуза албай жатсак балдарым дейт, өзү баксын атасы, мага эмне өз баламды чоңойтсом жетет", - деп ойлоп жатты ичинен. Мээрим кээде башы көзүнө карабай сүйлөп жиберет, анын кыялына көнүп бүттү, чындап сүйгөнү үчүнбү же жооштугубу андайда унчукпай кутулат. Алар ошентип күнүнө иштеп кара курсактын камын көрүп жашап жатышты, кээде бир аз көбүрөөк тапса ичип алчу болду, аны көргөндө жаагын жанып какшанып жанын койбойт. Бүгүн дагы бир аз ичип койгон экен келээри менен оозун жыттап:

- Сен иштегениңди бүт эле ичип жүрө бер, - деди.

- Чарчаганда ичет экенсиң да, суук да болуп калды.

- Өлбөйсүң, ичкенде эле үшүбөй калмак белең?

- жылып калам да Мэрим, мен тапканымды бүт ичкен жокмун, алып келип жатам го, кечке жонума ун көтөрүп ташыйм.

- Болуптур эми, биротоло көнүп кетпесең эле болду.

- Көнбөйм коркпо.

- Коркпойм, өзүңө жаман.

- Эмне кетип каласыңбы?

- Кетсе кетип калам.

- Үч баланы бириктирип багасыңбы?

- Аны өзүм билем, - деп Мээрим чычалап кетти.

- Кой, ар кайсыны сүйлөшүп урушуп кетпейли, андан көрө тамак жасачы, кардым аябай ачты, кечке мүшөк көтөрүп чарчадым, жеңил жумуш жок да, жазга чейин иштеп турсам жазда мал алып тоого чыгып кетебиз, - деп Султан жамбаштап жатып калды.

- Эчтеке жок, эмнени жасайм, картошка, пияз да калбай калган.

- Алып келе гой, эртең кайра ачка чыгып өлбөйүнбү, - деп Султан чөнтөгүндөгү акчаны алып берди, Мээримдин жанында азыраак каткан акча бар эле айтпады. Камоктон кант, чай менен май, картошка, пияз алып келип:

- Макаронго жетпей калды, азыр жүз элүү сом эчтекеге жетпейт экен, - деп кирди наалый.

- Ошону жеп турсак анан дагы болот да.

- Ушу жашоодон деги тажап кеттим.

- Элдин баары эле ушундай жашоодо, биз эле бекенбиз, акыры биз дагы оңолоорбуз, - деп Султан кенебеди, - Буйруса балам чоңойгуча үйлүү жайлуу болуп, мал күтүп калсак, - деп кыялданып калды эле Мээрим аны жактырбай:

- Жомоктогудай жашоону элестетпей жөн отурчу, курсак тойгуза албай жатып кайдагы үй, кайдагы мал? - деп ээрдин түйрүп койду.

- Эмне кыялданса дагы болбойбу?

- Жокту кыялданганда эмне…

- Кудайым жаштын тилегин берет имиш, адегенде ой-кыял болсо андан кийин ишке ашат көрөсүң, адам таттуу кыял, жакшы максат менен жашашы керек.

- Сен эле кыялдана бер, ишке ашып баратса көрөөрбүз, - деп Мээрим картошка кууруп кирди. Бир аздан кийин ысык чай менен куурулган картошка жеп алып жатып калышты.

Алар жашаган үйдө бир оорулуу бойдок отуздардан ашкан эркек бар эле. Ал кирип чыкканда Мээримди карай берчү, ал Султандын эрте кетип кеч келгенин байкап калды, кээде акыл-эстүү эле адамдай учурашып калчу, кээде түнөрүп унчукчу эмес, айланадагылар аны: "Чохнытый", - деп коюшчу, Султан кетээри менен ал бир күнү Мээримдин бөлмөсүнө түз эле кирип келди, баласын эмгизип тургусу келбей ич кийимчен жаткан ал чоочуп тура калды:

- Эмнеге келдиңиз?

- Коркпо, кайра эле кетем.

- Айтыңыз, эмне ишиңиз бар?

- Мен сага жардам берейин дегем, - деп чөнтөгүнөн эки жүз сомдукту алып чыкты, - Мага мунун кереги жок, өзүмө жетет, алып бир нерсеңе жарата бер.

- Кереги жок рахмат.

- Тартынбай эле кой, эгерде керек десең күнүгө берип турам.

- Сиз кайдан аласыз?

- Иштейм.

- Каякта?

- Жашыруун, - деди да эки жүз сомду коюп чыгып кетти, Мээрим ойлонуп жатып калды: "Сүйлөгөнү жакшы эле го, кайда иштейт болду экен, бул эмес акыл-эстүүлөр иш таппай жүрүшөт, алдап акчасын ала берейин, эмне болмок эле", - деп өйдө болду, ал күнү Турдубай үч-төрт жолу кирди, акырында Мээрим:

- Менин күйөөм бар, эгерде ал көрсө мени өлтүрөт, ал барда мага сүйлөбө, үйгө кирбе макулбу? - деди.

- Макул, ал жокто сага акча берип турам ээ?

- Акчаңдын кереги жок, күйөөм билип калса мени өлтүрүп коет.

- Ага айтпай эле кой да.

- Айтпайм, сен кирбе, - деп чыгарып ийди. Ошондон баштап анын акча тапчу уюгу табылгандай болду, Султан жокто чай берип коет, сүйлөшүп көпкө отурат, айтымына караганда үй-бүлөөсү болгон экен, авариядан катуу жаракат алып ушинтип калыптыр, базарда отуруп алып акча сурайт экен, кээде толгон тыйындарды санабай эле алып келип берип, крупныйын да берчү болду. Иги-жигин билгизбей Мээрим аны катып коюп жүрдү, бир күнү таң заардан Султан кетээри менен кирип келди, Мээрим мурункудай чоочубай калган, козголбой жата берди. Тиги бир кезде жалдырап карап туруп эле Мээримди баса жыгылды.

- Турдубай, эмне кылып жатасың, тур өйдө! - деп Мээрим аны көкүрөккө түрткөнүнө карабай шымын чечип жиберип эле ой-боюна койбой иштеп кирди, Мээрим жакшы эле жулунуп жаткан, анын кыймылы жагып калдыбы кыңкыстай баштады, жанталашкан Турдубай келиндин бүт денесин өпкүлөп ого бетер кыймылын тездеткенде Мээрим жан чыдагыс махабаттын отуна кабылгандай үнүн озондото улуп ийди, эки колу Турдубайдын жонун апчып алган. Көптө барып Турдубай чалкасынан түшүп жатып калды да:

- Кечир мени, чыдай албай калдым, - деди, анан шымын өйдө кылып сыртка чыгып кетти, Мээрим ага таарынган жок, жаман дагы көрбөдү, тек андан бир башкача жагымдуу жыт менен жан жыргаткан сезимди сезди: "Укмуш экен, акыл эси деле ойдогудай тура, эмнеге аялы таштап кетип калды, өзүн тыкан, таза алып жүрөт", - деп ойлоп жата берди, түшкө жакын баласы ыйлаганда гана үйүлгөн шымдарын эстеп туруп плитага суу коюп адегенде өзү жуунду, ал өз төшөгүндө күйөөсүнүн көзүнө чөп салганына кейиген да жок, кирлерин жууп жайып чай ичти. Ошондон баштап Мээрим Турдубай менен күндө Султан кеткенден кийин кумарга батып жүрдү, Султан кечке жүк көтөрүп абдан чарчаганга, оокат аштын кубаты жоктугунан кээ-кээде гана кошулбаса көбүнчө келип бирдеме ичип эле уктап калчу болгон. Эжеси Сезим келип:

- Апам ооруканадан чыкканы жатат, эки-үч күн биерде болсун, - деди.

- Мейли, келсе келе берсин.

- Тамак-ашты дурус эле жасап бере аласыңбы, апамды күчтүү тамак ич, айрыкча жаңы этти кайнатып ич деп жатат дейт.

- Келе берсин, көрөбүз да.

- Мен чыгарып келейин, Айкөкүл ошону жакшы карамак беле, мен болсо тоодон түшө элекмин, кыштоодо калат окшойбуз, - деп Сезим ооруканага кетти, Мээрим баласын көтөрүп алып базарга барып жаңы койдун этинен, толгон тамак ашты алып келди, үйүнө келип тамак асып даярдап коймок болуп үйүн жыйнап жатканда алар келип калышты. Сезим Зыйнатты жеткирип коюп эле кайра кетти. Кечинде келген Султанга Мээрим ойлонуп даярдаган жообун бере салды.

- Сезим эжем алып келиптир, апам бир топ күн жүрөт го?

- Карачы, экөөбүздүн колубуздан эчтеке келбесин билип баарын өздөрү алып келишиптир да, - деп Султан уялып калды. Бул Мээримдин "табылгасы" экенин ал сезген да жок. бирок Мээримге кыйын болду, Турдубай бир күнү баш багып Зыйнатты көрүп кайра кетип калды. Артынан чыккан Мээрим аны менен сүйлөшүп чоң үйүнүн бош турган бөлмөсүнө кирип рахатка батышты. Турдубай күндө тапканын бергендиктен бир топ акча жыйналып калды, майда тыйындарын тийбей чогулта берди, Зыйнат бир жума туруп анан үйүнө кайтмак. Ал кыз-күйөөсүнүн оокат-ашка кенеле түшкөнүнө ичинен кубанып алды, анан кайтаарында:

- Ушинтип эле оокат кылсаңар болот да, аз ичип ашырса болот, тарта тайга жыйнаса болот, эки башка эмне, - деди.

- Иш жакшы болуп жатат апа, күнүнө эки жүздөн ашат, - деп Султан мактана кетти, - Чогултканды эми Мээрим билет да.

- Үнөмдөгүлө, тапканыңарды жок кыла бербей.

- Ооба апа, эми чогултабыз да, тамак аштан ашса, - деди Мээрим.

- Ошент, эркектин тапканын жыйган дагы, чачкан дагы аял.

- Апа, менде үч миң сом бар, алып кетип катып кой, - деп Зыйнатка берди, - Муну Султан билбейт, Аскаттарга кийим-кече кылам, булар тыйын.

- Макул, катып коем, - деп ички чөнтөгүнө салып алды да жөнөмөк болду, бирок өзүнчө ойлонуп алды, - Тыйының канча?

- Апа, бир аз отуруп турчу, ушуну санайын, - деди Мээрим.

- Өзүм санап сандыкка салып коем.

- Мейли анда, жок кылба ээ апа? - деп Мээрим такси кармап салып коюп анан келди. Үйгө келгенде Турдубай сыртта жүрүптүр, ал жалгыз жашачу, бөлмөсүнө кошо кирди, Мээрим ага тамактан куюп алдына койду, Турдубай тамак ичип алып:

- Мээрим, мен сени жакшы көрүп калдым, күйөөңдөн ажыраш, мен сени жакшы багып алам, - деди жалдырай карап, - Менден коркпо, башым ооруганда гана кыйналам, жиндилигим жок, акыл-эсим ордунда, оорум кармаганда өзүм эле ооруканага барып жатып анан укол-дары алгандан кийин жакшы болуп калат, эл мени жинди деп ойлошот, ошенткен сайын өзүмдү жаман сезем, - деди.

- Ал эмне дегениң, менин балам бар, Султан экөөбүздү тең өлтүрүп коет, андай дебе, - Мээрим коркуп кетти, - Мен сенин оюң менен болуп жүрөм го, сенин эркектигиң ойдогудай, аял алып жашасаң болот.

- Мага кайсыл аял тийет, сен билип калдың, мени башкалар жинди деп ойлошот, жакындагандан коркушат.

- Эч кимиң жокпу?

- Апам бар, ал жылда кышында шаардагы инимдикине кетет, бул времянкага дайым бирөөлөрдү киргизип коет.

- Аа-а, бир туугандарың барбы?

- Ооба, эки эжем, иним бар.

- Төртөөсүңөрбү?

- Ооба, мен "ишке" барайын, акча табышым керек, - деп ордунан турду.

- Күнүнө канча табасың? - деди кызыга Мээрим.

- Орозодо аябай беришет, миң - эки миңге чейин.

- Күнүгөбү?

- Ооба, азыр жок дегенде беш алты жүзгө жетет, тыйындарды эсептебейм, сени балаң менен кыйналып жатат деп берип жатпайынбы.

- Акчаңды чогултуп бериш керекпи Турдубай?

- Жо-ок, керегиңе жарата бер, эртең жолугабыз, сен эми өзүң эле бош бөлмөгө келип тур, эртең менен эрте жолугуп турабыз, андан кийин жумушта болом, - деди да жөнөдү. Аны узата карап турган Мээрим бой мүчөсүнө суктанып, жылаңач денесин көргүсү келип көзүн жумуп жиберди: "Чынында Султанга караганда алибеттүү, күч-кубаттуу, сүйлөгөнү да орундуу, үй-жайы бар экен, тийсе тийип албайынбы, эки балам бар, ошолорду карасаң макулмун деп айтам, үч балам менен алса тийип алам, Султан баласын алып кетем десе бербейм", - деп ойлонуп алды. Кечинде келген Султан:

- Мээрим, тажап кеттим, урушуп-талашса деле апама кетеличи, сен унчукпай койсоң эле жеңесиң, азыр ал деле жалгыз жашап жатат, небересин көрүп ал деле унчукпай калат, - деди.

- Сен мени кайра эле апаңа алып баргың келип жатабы, мен эч качан барбайм, жашасаң жаша, болбосо апаңа жаккан катынды алып ала бер! - деп адегенде эле сүйлөшпөй койду Мээрим, - Мени сыйлап, келини катары көрүп койду беле?

- Мээрим, сен өткөндү эстеп таарынганды кой да, апам эми айтып койгондур, бирок ал алдакачан эле чакырган да, сен эле болбой жүрбөйсүңбү, апамды менден башка ким карайт, үйүбүз туруп көрүнгөн жерде жүрөбүз, көргөндөр кеп кылат экен, классташтарым дагы шылдыңдап жатат, бир аялдын артынан жүрөсүң деп.

- Жүрбөсөң кете бер, апаң ансыз дагы мени каалап турган жери жок, кетсең өзүң кете бер!

- Мен балам экөөңөрсүз эч жакка кетпейм.

- Балам экөөбүзсүз кетесиң, болбосо тынч жашайсың.

- Сен эмнеге менин сөзүмдү укпайсың, башка эркектердин аялдары күйөөсүн угат, баш ийет, ушинтип көрүнгөндүн үйүндө отургандан көрө өз үйүбүздө отурганыбыз жакшы эмес беле? - деп Султан жини келе үнүн бийик чыгарып эшикке чыгып кетти.

- Өз үйүңө сен ээ белең, апаң өлмөйүнчө сен ал үйгө тынч жашай албайсың, мага далайды көрсөткөн аялга мен эми барып маңдайына отуруп, бир дасторкондон чай иче албайм! - деп артынан Мээрим кыйкырып калды. Ачуусу тараганча сыртта басып жүрүп кеч кирип ордуна жатты, Мээрим аны кекетип баласы менен жатып алыптыр, ченелүү эле төшөктөрү болгондуктан эптеп жатты ал күнү. Мээрим ага чай бермек турсун баш көтөрүп караган да жок: "Ээх жашоо-жашоо, неге ушундай, аялың апаңа, апаң аялыңа жакпаса, кимисине болушуп, кимиси менен калышым керек, балам турат таштап кете албайм, мен кеткен күндө бул дагы Аскаттын кейпин кийет да, ошону жакшы карамак беле, кандай кылсам экен", - деп ойлонуп жумушка келди. Кечке агала болуп ун ташыйт, же картошка болсо аны ташыйт, кыскасы жаны тынбай иштеп келип аялынан жарытылуу сөз укпаганга зээни кейиди. Жумушунда кечке жүрүп кечинде кайра келди, дагы бирдеме демек болгону менен Мээримдин укпасын сезип, туюп тургандыктан унчукпады, куурулган картошкадан калганы менен өзү чай ичип отуруп: "Мындай жашоонун мага эмне кереги бар, он баланы төрөп койсо дагы ажырашат турбайбы, мен апамды таштай албайм, "бала белде, аял жолдо", - дешет тура, андан көрө ажырашып алайын дагы апам ал дегенге үйлөнүп тынч өмүр сүрөйүн, өзүм каалап да үйлөнүп көрдүм, сүйүүсү ушул болсо сүйүүсүз эле жашап өтөйүн", - деген чечимге келди:

- Кечээтен бери акчаңды бербейсиң, биз эмне жел оозбузбу? - деди Мээрим көптөн кийин.

- Иш болбой жатат.

- Эртеңкиге эчтеке жок, балага болсо сүт ала албай калдым.

- Иш болбосо эмне кылам? - Оройлоно жооп берди Султан.

- Анда эмне кылайын дейсиң, күндө кийим кирдетип боткодой болгон кийимдериңди жуудурасың, эмнеге кирдеп жатат, арамданып апаңа кеткенге акча топтоп жатканыңды билем, ара жолго таштап кетип көр, ошол үйүңө барып туруп көргөзөм сага, мени оюнчук ойлобо!

- Мээрим, сен мени түшүнсөң, өзүм жалгыз кетпейм, сени жүр кетели десе болбойсуң, деги эмне оюң бар?

- Эч оюм жок, келе акча бер, мен азыр камоктон бирдеме алып келейин, карызым дагы бар.

- Эмнеге карыз болдуң?

- Картошка, пияз.

- Кана анан?

- Бир килодон эле алдым, май дагы түгөндү.

- Ме, буга аз-аздап алып тур, - Султан чөнтөгүнөн жүз элүү сом алып чыгып сунду, - Эки күндө тапканым ушул, иш жок болуп жатат.

- Эки күн жан сактайбыз муну менен, кыш чилдеде ачкадан өлөбүзбү, ушу сен жалкоолонуп иштебейт окшойсуң, - Мээрим акчаны булкуп алды да эшикке чыгып кетти. Ал калп айтып Султандын тапканын алып коюу үчүн ошенткен болчу, тамак-ашы, эттен бар эле, аны күндүзү тамак жасап Турдубай экөө ичип алып отуруп калчу адат тапкан, ал өзү Турдубай менен калууну чечкени менен ага билгизе элек, ал болсо күндө тапканын иригин өзүнчө, тыйынын өзүнчө берип турду, анын тапканы жакты, жок дегенде бир-эки жыл анын акчасын жыйнап алып басып кетмек болду оюнда.

- Эртең иш кандай болот көрөм да.

- Мен дагы тажадым, сен өз апаңа кет, мен өз апама кетем, ошентип кыштан чыгалы, - деди Мээрим Султанды карай.

- Андан көрө биротоло ажырашыш керек…

- Ажырашса ажырашабыз да, сага баары бир эмеспи, аял алам десең алып аласың.

- А сенчи?

- Мен эми үч балам менен күйөөнү эмне кылам?

- Сага деле жашоо керек да, - деп Султан ага атайын кычаштана сүйлөдү. Мээрим үндөгөн жок, ал өз ою менен алек: "Турдубайга дагы эки балам бар экенин айтайын, эгерде макул болсо тийип алып балдарым чоңойгуча жашап, алдап акчасын жыйып алып кетип калам", - деген ойдон арыла албай турду. Ал күнү дагы экөө эки бөлөк жатты, эртеси Султан жай чыкты, ал кетээри менен Турдубай кирди:

- Мээрим, ойлонуп бүттүңбү?

- Эмнени? - Мээрим билмексен боло сурады.

- Мага турмушка чык дегениме.

- Аа-а, Турдубай сен мага түшүн, менин мындан башка дагы эки балам бар, сен мени үч балам менен ала албайсың да, күйөөм да бар, ал мени сага бербейт, - деди күлө.

- Беш балаң болсо да алам.

- Кантип, апаң менин үч баламды жакшы көрбөйт, ошондуктан сен мындан ары минтип айтпай жүр ээ?

- Жо-ок, мен сени алам, апам мен каалаганды кылат, сен мага тийесиң күйөөң экөөңөрдүн урушканыңарды көрүп-угуп эле жатам, - деди Турдубай ага жалдырай карап.

- Турдубай, мен андай кыла албайм, балдарымдын атасынан кантип айрыйм? - деп курулай андан убадасын алгандай сурап жатты, бирок Турдубай аны көтөрүп алып төргө келип жаткырды да эшикти бекитип коюп экөө ишке киришмек болгондо өздөрүн карап турган уулу Саматты көрүп: - Бала уктаганча кое тур, уят го? - деди.

- Качан уктайт?

- Азыр курсагын тойгузуп уктатам.

- Анда мен азыр келем, - деп чыгып кетти, көптөн кийин кайра колуна пакет кармап жетип келди, көрсө эт менен күрүч алып келиптир, - Муну аш басчы, көп эле баса бер.

- Макул, этти көп алыпсың го?

- Өзүң үнөмдө, - дегенде Мээрим таңгала карады.

- Эмне алып коеюнбу?

- Ооба, калганын өзүңөр жейсиңер.

Экөө адегенде Самат уктагандан кийин эшикти бекем бекитип алып ойда-а ойношту, анан экөө көпкө кучакташып жатып андан кийин Турдубай сыртка чыкты, Мээрим туруп эшикке чыгып жуунуп келип анан тамакка киришти. Пловту демдеп коюп, чай кайнатмак болуп чайнекти сайып коюп ыйлаган баласын алып отуруп эмгизип отурганда Султан шашып кирип келди.

- Эмне болду?

- Апам, апам катуу ооруп жатыптыр!

- Барып көрүп кел.

- Сенчи, сен барбайсыңбы?

- Жок барбайм.

- Тамак аш жок кантесиң анан?

- Кардым ачса апамдыкына кетип калам.

- Мээрим койсоңчу эми, чогуу барып кайра келип калабыз да, эмнеге эле минтип жатасың? - деп отура калды, - Мен үчүн макул болчу.

- Баары бир барбайм, андан көрө тез барып кел, отуруп тамак ич, анан жөнө, - деп тамакты ачканда Султан таңгалды.

- Каяктагы эт?

- Тиги байке алып келип тамак жасап бер деп берген, адегенде ага салып берейин, калганы биздики да, - деп табакка салып коюп азыраак эти менен алып келди, - Этинин көбүн өзүнө салдым, кел эми тоюп алып барып кел.

- Сен чындап эле барбайсыңбы?

- Ооба, баргым келбесе барбайм да, кайра-кайра сурай бересиңби, жай отуруп тамактанып ал, - деп этти туурап жатып минтип койду, - Эртең байкенин апасы келет экен, эки жүз сом бериш керек эми.

- Мен келгенден кийин беребиз да.

- Бер десе кантем? - Мээрим калп эле сурап койду.

- Айт, күйөөм келгенде берем де, - Султан тамактан алып жеп жатып анан Мээримге карады, - Карайдым дечи?

- Эми билдиңби?

- Ооба, мени сыйласа, ортодогу баланы ойлосо, сүйүүнү билсе кыйбайт деп ойлоп жүргөмүн, сени өзүм ошондой көрөм да, - деди үңкүйө башын жерге салып калды.

- Ооба, сүйүүнү жашоо өзгөртөт экен, сүйүү бизге тамак-аш же кийим болуп бербейт экен Султан, андан дагы жакшы көрүү жек көрүүгө айланып, кабыл алынбаган товар катары сыртта калганы көңүлгө катуу тийип, жүрөктү оорутканы жаман, - деп Мээрим аштан оозуна салды, - Канчадан бери ушундай тамак жей элекпиз билесиңби?

- Бул күндөрдүн баары өтүп, жашообуз оңолот эле го Мээрим.

- Өтүп кеткенче ачкадан өлөбүзбү?

- Мейли, өзүң бил, - деп Султан өйдө болду, кийинип алып анан уулун өөп чыгып кетти. Мээрим ордунан жылбай отуруп: "Мен туура кылып жатамбы, кайненеме теңелбей эле бара бербей, Султан туура айтат, белен үйдө жашай берсек болмок, сүйлөсө сүйлөөр, көтөрүп койсом болмок, экинчи күйөөдөн дагы ажырашып кетсем эмне дейт, апам эле өлтүрөт, кандай кылам", - деп телмирип отурганда Турдубай кирип келди.

- Кел, тамагыңды салып койгомун, алып кетесиңби?

- Чогуу жейли.

- Мен күйөөмө берип жөнөттүм.

- Кайда кетти?

- Кайненем ооруп жатыптыр.

- Анда чогуу отуруп жейли, бирдеме ичесиңби, алып келейин.

- Ишчү эмесмин, алып келсең көрөм, - деп кылыктана күлүп койду эле Турдубай туруп сыртка чыгып бат эле келди.

- Мына бул винону алып келип койгомун, - деп келип отуруп эки чыныга куюп бирин Мээримдин алдына койду, - Кел эми ушуну алып коелу, сенин ден-соолугуң үчүн!

- Сенин дагы, - Экөө кагыштыра алып ийишти.

- Жактыбы Мээрим? - деп ал жылмайганда сүйкүмдүү көрүнүп кетти, мурда анын бир дагы жылмайганын көрбөгөнгө таң калып ойлуу чай куюмуш болуп калды:

- Жакты, абдан жагымдуу экен, чайдан ич.

- Сен тамактан көп-көп эле алсаң Мээрим.

- Алып жатам, жана тамактанганга тоюп калыпмын.

- Мага шерик болбойсуңбу, баса күйөөң качан келет?

- Билбейм, байкаштырып көрөт да.

- Келбегени жакшы, мен телефондон апамды чакырдым.

- Эмнеге?

- Үйлөнөм деп.

- Качан?

- Жакында, апам келсе эле сага үйлөнөм.

- Турдубай, апаңа айтып убара болбо, менин үч балам бар, кантип сага тийем, ойлончу өзүң.

- Ойлонуп койгомун, Мээрим сен макул болсоң эле болду, апам эч качан каршы болбойт, бул жерде экөөбүз гана жашайбыз, апам шаарда болот, кээде гана келбесе…

- Эмне, аякта соода кылабы?

- Ооба, бизнеси бар, төрт дүкөн башкарат, апам крутая, - дагы жылмайып койду, - Мени үйдү кайтар деп таштап кетет, бул жакка киши киргизген себеби мени жалгыз калбасын дегени, эне да бирдеке болобу деп корксо керек.

- Ошондой го?

- Күйөөң келсе мен ага ачык айтып кууп чыгам.

- Кой, ошол кантип болсун, оюндан от чыгат болуп жүрбөйлү.

- Андай болбойт.

- Менин көңүлүм болбосо зордойсуңбу?

- Мени менен жатууга зордодумбу?

- Жок-жок, эркектик жагы башка да, бирок жашоодогу адамдын өз жолу бар да Толубай, мен жалгыз башым эмес үч балам бар, канча жолу айтам? - Мээрим андан ишеничтүү жооп уккусу келип кайра-кайра айтып жатты, - Күйөөм келгенден кийин алып келебиз, ал менин өзүмдүн апамда.

- Мейли, баланын зыяны тиймек беле, менин дагы үч балам бар, аялым алып кетип калган.

- Эмнеге, сен ооругандан кийинби?

- Ооба, мен ооруканада төрт жыл жүрдүм, үч айлап, эки айлап жатып калчумун, мени айыкпайт десе керек да, кудайга шүгүр, эл катары жашап калдым, - деп Турдубай кадимкисиндей эле сүйлөп жатты. Мээрим чынында ага акчасы үчүн анан аялдын кумарлуу жерин таба билгендиги үчүн жактырган эле. Султандан ажырагысы деле жок, бирок бирде жок, бирде бар болуп кыйналгандыктан тажап жаткан. Эмне кылаарын билбей орто заар болуп турганда демите сураганы анын жанына тийди, үнсүз отуруп сүйлөбөй калды, тамак ичилип бүткөндөн кийин дасторконун жыйып баласын алып отуруп эмгизип жатканда ал карап көпкө отура берди.

- Турдубай сен эми үйүңө бар, - деди Мээрим.

- Мен жалгыз жашап тажап кеттим, күйөөң жокто отура берейинчи.

- Кечке калба ээ, шашылыш такси менен барып кайра келип калышы мүмкүн, - деп катуу айта албады, анткени анын күндө култуйтуп берип жаткан акчасынан айрылып калуудан коркот.

- Түндөп келип калабы?

- Көрүп эле кайтам деген.

- Аа-а, кайненең жашпы?

- Элүүлөрдөн ашкан аял.

- Жаш эле экен да, мурун ооручу беле?

- Жок, жөн эле жүргөн.

- Жакшы болсо эрте эле келет тура анда.

- Ооба, жаш балалуу аялын таштап кетмек беле?

- Деги айтам да.

- Бир саатта жетет, келип калышы мүмкүн.

- Мейли, бир аз отуруп анан кетейин, - деп бүжүрөп отуруп алды. Мээрим андан кийин унчукпай койду, - Минтип отургандан кантип зерикпейсиңби, телевизорду берейинби?

- Кереги жок, күйөөм эмне деп ойлойт.

- Эмне демек эле, эки телевизор бар, бирин өзүм көрөм, - деп туруп кетти, үйлөрүнүн жасалгасын дагы көргөн Мээрим, бир туруп жашап калгысы келет, бирок Султанды кыялбай турду негедир: "Келсе эмне дээр экен, апасы ооруп калса көпкө жоголушу мүмкүн, анда кандай кылам, Турдубай го мени ачка калтырбайт, күнүмдүк ойноп пайдасын көрө берейин", - деп ойлонуп отурганда чоң түстүү телевизорду көтөрүп кирип, үстөл алып келип орнотуп, антеннасын тагып жандырып койду.

- Тим койсоң болмок Турдубай, күйөөм урушпаса болду.

- Мен айтам, кечке балаң менен жалгыз отурсаң зеригесиң да, - деп култуңдап койду, - Мына, жакшы кино болуп жатыптыр, көрсөң.

- Жакшы экен, - деп коюп астыртан ага көз кыйыгын салып отура берди. Ал түнү ал кетпеди, экөө үчүн ал түн кереметтүү түндөрдүн эң жакшысы болду.

- Мээрим сени жакшы көрүп калдым.

- Болбосту айтасыз да.

- Жо-ок, мен сени күйөөңдөн тартып алам.

- Күйөөм оңой менен бере койбостур.

- Бере-ет, кайда бармак эле?

- Ал мени сүйөт, бербейт сага.

- Эгерде сени чындап сүйсө жакшы жашоодо жашатмак Мээрим, сен мага ишенчи, сени эч нерседен кемитпей багып алам.

- Эркектин бары ошентишет.

- Мен чын айтып жатам, апам дагы кубанат эле, менин үйлөнүп жашап калышымды кудайдан тилеп жүргөн кези Мээрим.

- Турдубай, мени сен кыйнап ийдиң го, мейли эми, убагында көрөөрбүз, - деп тескери карап жатып алды.

Эртеси базарга чыгып тапкан акчасын алып келип берди да ошол бойдон кирген жок. Султан кечигип жатты. Арадан он күн өттү, бир ай өттү, дайыны болбоду, Мээрим бир күнү төркүнүнө бармак болуп үйдөн чыкты. Адегенде районго жакын айылда жашаган эжеси Сезимдикине келди эле балдары бар экен, андан апасына барды, аны көргөн Зыйнат.

- Кайда жүрөсүң, кайненең катуу экен, - деди.

- Болсо эмне кылайын?

- Уят эмеспи кокуй, тур бар, - деди Зыйнат кызын тилдеп.

- Койчу апа, барбайм ага, качан өлгөндө гана барам.

- Ок өлүгүңдү көрөйүн жетесиз, жакшы эле тарбия бергендей болдум эле, сен кимди тарткансың деги?

- Өзү мени сонун кылды беле?

- Келинге сүйлөйт, эчтеке болбойт андан, баласы жакшы дагы өзү жаманбы ыя?

- Ооба, келинге жаман көрүнбөшү керек.

- Жогол анда, келген жагыңа кет, ошоякта ачка-ток болуп жашай бер! - деди эне жини келе, Мээрим кайра эле артына кетти, Султандын үйүнө өзү барууну намыс көрдү. Султандын апасы катуу ооруп тил-ооздон калып молдого дем салдырып жатышкан, ал оюнда Мээримди алып келейин деп ойлогону менен: "Мээрим баары бир келбейт, апам сакайгыча барбай эле коеюн", - деп ойлонуп жүрө берди. Мээрим бияктан барса Турдубайдын апасы келип калыптыр. Ага баласы айтканбы Мээрим баласын көтөрүп времянкага кирээри менен эле артынан кирди:

- Жакшысыңбы кызым?

- Жакшы эже, өзүңүз кандайсыз?

- Кудайга шүгүр, бу менин уулум эмне деп эле жатат?

- Эмне деди?

- Сага үйлөнөм дейт го?

- Эже…

- Жо-ок кызым, эч тартынба, эгерде көңүлүң болсо мен каршы эмесмин, - деп Турдубайдын айтканын айтты, - Эртеңге чейин жообун күтөм, өзүм экөөңөргө нике кыйдырып коюп анан шаарга кетем, бул үй Турдубайдыкы, жакшы жашап кетсеңер эле мен сырттан көз салып, керектүүңөрдү жөнөтүп турам, ойлон кызым, - деди да жылмая карап чыгып кетти. Мээримдин ниети бурулуп кетти: "Султан менен нике кагазым деле жок, эмне кылып алат эле, апасы дагы жакшы аял экен, Султандын апасы мени баргандан эле жактырган эмес", - деп ойлоп эртеси макул экенин айтты эле дароо эле үйүнө алып кирип бир сыйрасын кийгизип, туугандарын чакырып чакан тойчук кылып нике кыйдырды да өзү эки күндөн кийин жөнөп кетти. Турдубай времянканы тазалап койду, кийген кийими адеми, ичкен жегени жакшы жаткан жери таза керилген келин болуп жатып калды. Кыш болгондуктан сыртка чыкпайт, баласын карап эле үйдө телевизор көрүп жатат. Турдубай болсо кечке базардан тилемчилик кылып акча таап келет, тамакты жасап күтүп туруп экөө чогуу ичет:

- Сен мен жокто тартынбай эле тамак жасап ичип жүр, балаң экөөңөр ачка болбогула, - деди бир күнү.

- Ачка болгон жокпуз.

- Ошент, тамак аштан коркпо, баары бар, этти мен үзбөй алып келип турам, апам мени ачка болбой жүр деп айтып турат, муздаткычтан алып жей бер макулбу? - деди.

- Макул, көнүш кыйын экен.

- Эмнеге, мен сага көнүп калдым, жанымда болсоң эле болду, - деп таап алып келген акчасын экөөлөп санашты, алты жүз сом болду ириги, - Майда тыйынды санабай эле кой, бирдемеге жарата бер, - деп койду Турдубай. Мээримге ушул эле керек эле, күнүнө колуна кызылдай акча түшүп жатканына кубанып бир күнү ал кеткенде акчасын санаса он миң сом болуп калыптыр: "Бир жарым айдан беркиси ушунча болсо көп табат экен, муну бечара деп беришет тура, апасы ушунусун билет болду бекен", - деп ойлонуп жатты, тыйындарын санап көрсө үч миң болуптур, ошентип ал чалкалап жатып кино көрүп, чүйгүн тамак жеп көңүлү тынып калды, апасы менен бир туугандарына айткандан коркуп жүрө берди. Арадан дагы бир ай өткөндө Султан келди, дарбаза бек болчу, Мээрим коркуп чыкпай койду, Турдубай келгенде кайра келип кирип келе жатканда:

- Кимге келдиң? - деди Турдубай.

- Менин аялым ушул жерде жашайт го тааныбай калдыңызбы мени? - деди Султан.

- Сенин аялың менен ишим эмне, сен кеткенден кийин эле кеткен, - деди да унчукпай ээрчитип времянкасына алып барды, Султан эмне дээрин билбей калды.

- Кайда бараарын айткан эмеспи? - деди кайра.

- Жок, кеткенде мен жок болчумун.

- Кечирип коюңуз, - деп өмүрү күлбөгөндөй жүзү сүрдүү көрүнгөн бул адамдан өзү деле корккондуктан унчукпай чыгып кетти. Бул учурда Мээрим терезеден уурдана карап турган эле, үнсүз узата карап кала берди. Турдубай кирип үндөгөн жок, Мээрим дагы сурабады, тамагын ичип баланы тойгузуп уктатты да төшөккө киришти. Эки күндөн кийин Сезим келди, ага дагы Турдубай "жок" деп жооп берди. Зыйнат келип сурады эле:

- Ишенбесеңер ичке кирип карагыла, мен кайдан билем, үйгө жатып кеткендерди мен текшерип турмак белем? - деп койду. Алардын издеп жатышканын билгенде Мээрим бир ой ойлонуп аны туура деп чечип автовокзалга келди да апасына кат жазып бирөөдөн берип ийди: "Мен Бишкекке иштегени кеттим, эч жерден издебегиле", - деп жазган катын алган соң унчукпай калышты. Эмне кыла алышат анан. Мээрим өзүнчө: "Төрт-беш ай туруп анан акча чогулганда акырын кетип калам, Султанга иштеп келдим деп айтам, акчаны көргөндө унчуга албай калат", - деп ойлонуп жүргөндө Турдубай.

- Мээрим, биз туура эмес кылып жатабыз, бир туугандарың менен апаңа ачык айтып чакырып алсак болот эле, - деди.

- Азыр кое тур, күйөөмдөн ажырашпай туруп сага тийип алганым ошолорго жагабы, качан гана Султан үмүтүн үзгөндө киши жиберип коебуз макулбу?

- Макул, сенин айтканыңдай эле болсун, - деп Турдубай күлүк койду.

- Азыр ал мени издеп жаткандыр, дагы келет болуш керек, - деди Мээрим, балким мени чыгабы деп аңдып жүрсөчү?

- Бирдеме десе жыга чабам.

- Кой, анда сени камап койсо кантем?

- Чын эле, тынч эле болоюн, - деп унчукпай калды. Кыштын кычаган күнүндө шаарга кеттим деп жазган катка Зыйнат таңгалып эле калды. Султан ишенген жок. Турдубайдын үйүн айланчыктап көпкө жүрдү, бирок кире албады, анын "чокнытый", деген кличкасы аны коркутуп койгон. Билинбей эле кыш өтүп март айы келгенде Турдубайдын табышы аздап калды, күнүнө төрт жүз сом табат, майда тыйындары жыйырма, отуз сомго зорго жетет, кышында эл жакшы берерин билди Мээрим, алты айдын ичинде отуз без миң топтоптур, тыйындарын бир күнү банкка алып барып алмаштырып келди, анан камынып алып Турдубай жокто үйдөн чыгып кетти, чөнтөгүндө акча. Зыйнат аны көрүп эле:

- Карангүн, кайда жүрөсүң? - деди утурлай.

- Иштеп жүрөм да, Султандын колунан эчтеке келбесе, - деп ичке кирип калпты аябай айтты, - Кышы менен кайыр сурадым балам менен, кырк миң сом менен келдим.

- Кудайды карасаң боло, жаш балаң менен кантип үшүбөй…

- Үшүсөк да акча керек болсо отурасың да.

- Эми Султанга антип айтпа, эл укса эмне дейт ботом?

- Кимден укмак эле, силер эле айтпасаңар.

- Мен кимге айтмак элем? - Мээримди жаман көзү менен карап нааразы боло түштү, - Мен сенин душманың белем?

- Жөн эле айтып койдум, анан өзүң жинге тийип жатпайсыңбы, Султан келип жатабы апа?

- Кечээ эле келип кетти, апасы баспай жатып калды, ага кыйын болду, жалдырап жаткан жаман эмей, Султан апасын багып кыйналып калды, эжелери дагы келип кетип калат экен, кудай кулум десе бөөдө кайгыдан сактасын, карыган кезде кор кылбасын.

- Мен барып апасын багамбы анан?

- Карайсың да, анан эмне кылат элең?

- Апа, баргым келбейт, - деп Мээрим кабак бүркөй жер карады.

- Мээрим, шаарга кычыраган кышта барып эмне иш кылдың? - деп Айкөкүл келди, - Биз таңгалып калдык чилдеде кантип шаарга бардың? - деп күлүп Саматты колуна алып өөп күлүп калды, - Канча таап келдиңер апаң экөөңөр? - деди тамашалай.

- Балам эле иштеди, сумка толо акча алып келдик, - деп Мээрим дагы күлүп койду. Ошентип Мээрим үйдөн чыкпай издеп келе тургансып жүрөкзаада болуп жүрдү, акчаны былкылдатпай катып жата берди, арадан он чакты күн өткөндө Султан келип калды.

- Сен кайда кетип калдың?

- Шаарга.

- Кантип кеттиң, жол кирең жок эле.

- Бир тааныш менен бардым, - деп Мээрим күйөөсүнөн көзүн ала качып койду, - Иши кылса иштеп келдим да.

- Канча таап келдиң?

- Кырк миң.

- Кантип, ошончону алты айда кантип таптың? - Султан ишенбей аялын тигиле карады, - Мындайды карактагандар гана табышы мүмкүн го?

- Карактагандар эки-үч күндө эле таппайбы бул акчаны, мен эмгек кылдым, жан үрөп иштедим.

- Андай болсо кеттик, экөөлөп иштеп түбөлүк жетчүдөй оокат жыйнап келели, - деп Султан Мээримдин кырк миң сом дегенине ишенбей какшыктады, - Чын айтамбы, сен бала менен ошончо тапсаң мен бой эмесминби, көбүрөөк табаармын.

- Султан, шашпай турчу, апамдар укпасын, акырын айтып берем, эмне болуп жатасың, өзүмдү сатып иштедим дейсиңби, мен ак эмгек менен таптым, - деп Султанды жек көрө карады, - Сен экөөбүздүн жашообуз оңолсун дедим, тажадым жетпеген жашоодон уктуңбу?

- Болуптур, ошол акчаңды көрөйүнчү.

- Эч кимге айта элекмин, унчукпай чыдап тур, сага көрсөтөм акчаны, андай акча кармап көрбөгөн жаның эсиң ооп калба.

- Эмнеге эсим оосун, андай чын болсо рахмат айтам, баламды аман-эсен алып келгениңе тобо, - деп Саматты алдына алып отуруп өөп койду. Бир аздан кийин чогуу тамактанышып анан өз-өзүнчө бөлмөгө киришкенде Мээрим банктан ириктетип алган акчасын жоолукка орогон бойдон алып чыкты:

- Чү-үш, акырын сүйлө, мына көрдүңбү?

- Мээрим, бул чын эле сен тапкан акчабы же уурдай качкан акчаңбы? - деди көздөрү чакчая Султан.

- Өз мээнетим.

- Сен анда баланы бактырып коюп эле өзүңдү сатып иштегенсиң го?

- Оозуңа карап сүйлө, эгерде ишенбесең азыр кетип кал, мен өзүм сопсонун жашайм бул акча менен, - деп жинденип калганда Султан ызалуу күлкүсүн чыгара:

- Болуптур эми, чыныңды эле айтып койчу, кантип таптың?

- Чыны уккуң келеби?

- Ооба, чындыкты угуп анан эс алайын.

- Анда чындыгын айтсам, күндө суукта балам экөөбүз кайыр сурадык, суукка тоңдук, кудай суук тийгенден сактады, ошентип сооп жасаганга ылайык акча топтолгондо баса бердик, эми кааласаң жаша, каалабасаң кете бер! - деди Мээрим чындап ак эмгек кылып, азап-тозок менен тапкан өңдүү ыйламсырай.

- Сен, сен кайыр сурадыңбы?

- Эмне карганып берейинби?

- Жок-жок, - Султан унчукпай калды, ал шаарга барып ар бир базардан жаш балдары менен отургандарды көргөнүн көз алдына элестетип алды, унчукпай отуруп калды, Мээрим дагы үндөбөй акчаны ороп кайра бекитип алды. Ошентип Султан өзүн күнөөлүү сезип калды: "Мен жакшы бата албаганым үчүн өчөшүп ошого барган экен да, тобо-о аялдын кырк амалынын бири эмеспи, неге бул ойду ойлоп тапты, кантип кайыр сурады", - деп ойлонуп жатып калды, эртеси экөө ээрчишип эч нерсе болбогондой үйүнө кетти, апасы ооруп жаткандыктан Султан эч жакка бара алмак эмес, дароо эле мал алмак болуп кеңешип жатса дагы көкүрөгүн бирнерсе өйүп туруп алды, Турдубай табылгасына кубанып үйүнө келсе эшиги ачык, кирсе эч ким жок, эки жактан сурамак болду, бирок кышта короолорунан эч ким чыкпагандыктан көрмөк эмес. Дароо шаарга телефон чалды, бирок ал көп акча жыйнаганын билчү эмес, аялынын гана кетип калганын айтты ал апасына. Эмне демек ата-энесинин атын же кайсы айылдан экенин да сурабаганын эстеп тим болду, апасы аны: "Кейибе балам, ага кудай бардыр, үйдөн эчтеке жоголбосо болду, дагы деле аман болсок үйлөнтөм кам санаба", - деп жайгарып койду. Ошентип жабылуу аяк жабылуу бойдон калды, Турдубай ошондон кийин эшикке чыкпай жатып калды.

- Толубай менен Эрмат аялдарын бир бозоруп, бир кызарып алмак-салмак карап туруп калышты.

- Жактыбы бул оюн? - деди Наргиза экөөнө кайрыла.

- Мындай оюнду качандан бери даярдангансыңар, сахнага коюучудай кызыктуу экен, - деди Эрмат кызаңдай.

- Ошону айтсаң, сценарийи да жакшы жазылыптыр, - деди Толубай.

- Демек урушуу же жоолашуу дагы достошуудан бат эле, - деп Алима күлдү, - Өзүңөрдүн достугуңарды өзүңөр сактай албасаңар ажыратып коюш заматта, апам болуп калды, азыр улуу кишилерден тартындык, болбосо экөөңөрдү эки жакка бет карашпас кылып бөлүп ийүү да колубуздан келмек, аялдын колунан баары келет, - деп эки келин күйөөлөрүнө карашты. Ошондон кийин алар бири-биринен эч качан шек санашпай мурункудай мамыры-жумуру болуп, байма-бай катышып арадан жылдар өттү. Бирок токтолуп калгандан кийин атамды угуп калдым.

Менин жылдарым ошентип көңүлсүз өтүп акыры жыйырмага чыктым, атам мени үйлөнтмөк болуп кыз издеп калганда мен шаардан өзүм каалаган кызды алып келмей болдум. Ошентип сүйгөн кызым апамдын бир тууган кайнагасынын кызы болуп чыкты. Тойго келинчегимдин төркүндөрүн, атамдын дос-туугандары болуп элүүдөй киши чакырылган. үлпөт тойду райондогу белгилүү чоң ресторанга белгилешкен, өз апамды ошол он жашымда көргөн бойдон жыйырмага чыгып үйлөнгөнүмдө көрдүм. Көрсө ал мага эмес кайнагасынын кызы үчүн келиптир, тагдыр деген өтө эле табышмактуу тура. Апам аерде өзүн жаман сезип кетип калды, мага кат жазып келинине берип кетиптир, анткени ал өтө бактысыз аял эле, күйөөсү кийин апасы өлгөнүнө күнөөлөп ичип кеткен экен, эки бала менен эч жакка кете албай жашап калган, өзүнүн апасы өлгөндөн кийин кызын колуна алат, аны мас болуп келген күйөөсү эч ким жокто зордуктап коюп камалып кетиптир. Ушул тагдырым жүрөгүмдү өйүп кээде: "Атам шаарга кетпегенде апам деле бактылуу болуп чогуу болмокпуз", - деп атамды жек көрүп кетем. Бирок атам мен үчүн баарын жасады, ал үчүн ыраазымын, апам үчүн кечире албайм! Эне жүрөгүнүн назик, бала үчүн этин кесип берүүгө даяр экенин бала кезимде, дал ошол апамдын колунан таяк жеген күнү сезгемин. Анткени апам мени аесуз уруп-сабап алып, солкулдап ыйлагын али эсимден кетпейт. Эне жүрөгүнө эч нерсе тең келе алгыс кең, назик жана ыйык..

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз