Айгүл ШАРШЕН


"Көрөөр көздүн мурасы"


Менин кайнатамдын чоң энеси ушундай болгон экен, тагдыр аны капысынан өзгөртүп сүйгөн адамынан кош бойлуу кезинде ажыратып токол кылып алыптыр да, - деди Гүланда ойлуу, - Суктанаалы Жибек үч айлыгында өлүп калган, чынында ал өтө эле жаш эле…

Султанаалы өрттөй жигит эле, отузга чыгып-чыга элек кезинде менин курбум Айкызды көрүп сүйүп калат, өз билгенинен кайра тартпаган ал атасы Орузбайга келип:

- Ата мен үйлөнсөм болобу? - деди.

- Эмнеге болбойт, үйлөнсөң болот эле, дагы бир-эки жыл күтө турсаң боло балам, - деди Орузбай. Анткени колунда жок, өзү карыган атасына карай албай беш баласын эптеп багып жаткан эле, аялы какылдаганы менен эчтеке колунан келбейт, элдин баары соода жасап байыганы байып, кээси банкрот болуп будуң чаң болуп калган. Баягы союздун кой үстүнө торгой жумурткалаган убагында алма быш, оозума түш деп көнүп калган бечара эл жыргалчылык замандын өзгөрүлүп баратканына көнүгө албай жүргөн кездери. Орузбайдын атасы Темиркул, ал атасы Бурсурманды багып жалгыз тамда, үйлөрүнүн сырты көзгө комсоо көрүнүп урап түшө баштаган, ичи дагы эбак акталып, андан бери кол тийе элек, күндүзү дагы үй ичи күңгүрт тартып, бир башкача жыт берип турат. Көп жылдан бери төшөктө жаткан Бусурмандын жаткан төшөгү андан да өткөн, шейшеби жок, киринен жылтырап майланышкан жууркан ичинде куурайдай болуп жатканы жаткан. Ден-соолугу дурустай эле, тамакты жакшы эле ичет, ага кээ-кээде гана ысык тамак болбосо кара жарма менен сары чай, буудай нан. Менчиктештирүү жайылгандан бери дүкөндөр жабылып үлүштөп алган жерлерине тырмышып буудай, жүрөгү айдап эл өз камын өзү көрүп калган. Көбүнчө унга загыра кошуп жей баштаган кез, Султанаалы ойлонуп калды, иштейин десе иш жок, колоктоп бош жүргөн, ошентип унчукпай башын жерге салып отуруп калды.

- Ата, анда мен үйлөнө албаймбы? - деди шалкы бош.

- Кимдин кызы экен уулум?

- Калдар деген тигил өйүздөгү бирөөнүн кызы.

- Оо кокуй, Калдардын кызыбы?

- Ооба, эмне болду?

- Аа-а балам, ал кызын бизге бере койбос…

- Эмнеге, эмнеге бербейт ата?

- Чоң атаң Бусурман экөөнүн бир кезде өздөрүнчө араздашканын укканмын.

- Эмне болуптур, эмдигиче унутулду да.

- Жо-ок балам, ал унутулбас окуя.

- Кандайча? - Султанаалы атасын ормое карап калды, ал бир аз ойлуу отурду да атасы Бусурмандан уккан окуяны айта баштады…

Калдардын атасы Камчыбектин малы маңдай тескейди ээлеп үйүр-үйүр жылкысы, жүздөй бодо малы бар, өзү байлыгына чиренип адамды теңине албаган адам болуптур. Бусурман жыйырма бештердеги жетим бала экен, анын койчусу, Калдар экинчи аялынын баласы, Бусурман менен тең чамалуу. Апасынын бир тууганы жалгыз кызынын Бусурман экөөнүн бири-бирин жактыраарын байкап калып аны чакырат да өзү үйлөнтүп коет. Өзү орто жашачу, боз үйдүн жабдыгын жасаган уста адам болгондуктан жаман алачыкта жашаган жээнине үй тигип, кызына колунан келген септи бериптир, Бусурман кайра эле Камчыбектин коюн кайтарып калат. Таң заардан кой кайтарып кетип кеч келет Бусурман, Алымкан ошондо он алтыдагы кези, ойносо оюнга тойбой турган эрке кыз кээде күйөөсү менен кой жайганга барып келет. Бир күнү үйүндө калып булактан суу алып келе жатса алдынан Камчыбек чыга калат, чоочуп кеткен жаш келин жол бошото берет:

- Чоочуба-чочуба, бул айылда сендей келин жок эле сен кимсиң? - дейт келинге суктанган Камчыбек.

- Мен Бусурмандын аялымын.

- Аа-а, ошондой де, үйлөнгөнүн укканмын, - деди да атын желдире басып кетип жатып кылчая карап: "Койчуга мындай сулуу аялдын эмне кереги бар, жаман жетим койчу эмне кылып берет, булуттан чыккан айга окшогон сулуу келин менин энчим болууга тийиш", - деп ойлонуп калат. Кечинде Бусурманды чакырып:


- Бусурман, бала кезиңден ак кызмат кылып келе жатасың, үйлөнгөнүң үчүн эки кой ал дагы керегиңе жарат, - деди кыйгай карап. Бул көз карашта кемсинтүү, басынтуу турган эле.

- Ыраазымын байым, кудай жалгасын, - деп кубана чыгып кетти. Бусурман бойлуу, кең далылуу келбеттүү жигит, Алымкандан беш жашка улуу, он бештердеги келиндин али оюнкараак кези, кээде Бусурман менен койлорун кайтарып кошо кетип калат. Өздөрүндө тамак-аш кайдан, Камчыбектин үйүндө мал союлса кызмат кылып арткан-үрткөнүн алып келип тамактанышат. Алымкан Дубананын жалгыз кызы, ал орто чарба жашачу, боз үй жасап оокат кылат. Көбүнчө ун-талканды апасы Үмүтай жеткирип берип турат, кызынын бактысы үчүн ошол жайда келишкен үй жасап үстүн жабуулап тигип берген, ал кезде там салгандар чанда боло турган. Алымкан бир күнү кир жууп отурса Камчыбектин көрөөр көз токолу чакыртып ийиптир, ал барса Айсулуу Камчыбектин бутун ушалап отурган экен.

- Чакыртып отурбай эле өзүң келсең болбойбу? - деп Айсулуу чоюштай ага акшыя карады, - Жеген-ичкениңер бияктан болуп жатканда өзүң келип тур, иш көп, бүгүн кир жууп, кечкиге конок келет, тамак-ашка жардам бер.

- Макул эже.

- Бар, тиги улагадагы кирлерди жуу!

- Макул эже, - деп оролгон кийим-кечени алды да чыгып кетти.

- Бечара, Бусурман томояктан эмне жакшылык көрөт бул, үлпүлдөп кана отурчу жан экен, - деп тамшанды Камчыбек, - Биздин колго тийсе…

- Мен деле убагында ушундай элем байым, аны эсиңден чыгарба, эми чор тамандын салбар аялына көз артканыңызга жол болсун! - деп Айсулуу кызаңдай карады.

- Ай-ай Айсулуу, катуу кетпе, мен аны тартып алмак белем томояктан, өз күнүн көрө берсин, - деп Камчыбек карсылдай күлүп калды, - Ушу сен кызганып кеттиң го?

- Кайдагы бир салбар аялдын баркын көтөрүп жатсаңыз анан күйүнбөй турган жорукпу? - деп кылыктанып кашын серпе чач мончогун шарак эттире артына ыргытты.

- Сен кадимки Айсулуунун өзүсүң, сага теңгелээр аял жок го? - деп олдоксон кучактап алкымынан өөп коюп жамбаштай жатып алып Алымканды ойлонуп жатты. Алымкан кечке чейин кир жууп, кечинде Бусурман кой союп, ал ичеги-карынын артып түн бир оокумга чейин жүрүп үйүнө келишти, аябай чарчаган Алымкан ыйлап жатты:

- Алымкан, эмнеге ыйлап жатасың? - деп Бусурман ага үйрүлө калды, - Чарчадыңбы Алыш?

- Аябай чарчадым, кечке кир жуудурду.

- Эртең байга айтам, мен эле кызмат кылам деп, сен эми алардын үйүнө барбай эле кой макулбу?

- Ооба, сени менен эле кетип калайынчы.

- Басып жүрүп чарчайсың да.

- Анда атамдарга барып келейин, сагынып кеттим.

- Жол алыс, кантип барасың, мен бир-эки күнгө суранайын анда, экөөбүз чогуу барып келебиз, - деди Бусурман келинчегин аймалап эркелете. Ооба сүйүү деген бир башка, байлардын: "Сүйүү байлык болуп бербейт, сүйүү аш болуп кардыңды тойгузбайт, байлык бар жерде баары бар дегени", - тегин эмес го? Бирок бул эки жаш азыр ач-тогуна кайыл, кечтин киришин күтүп сагынышып, кумарлуу кучакташуу көздөрүнөн учуп турган, жаштыктын аралында рахатка батып махабаттан мас болуп турган жаштар эле. Камчыбек Алымканды кандай кылып колуна тийгизээрин билбей эс мас болуп жүрдү, өзүнүн үч аялы бар, үчүнчү аялы Айсулуу. Эртеси эрте Бусурман келди:

- Эмне болду, малдан өлүм болдубу? - деди Камчыбек.

- Жок бай аке, бир эки күн уруксаат сурайын дедим эле, - деди Бусурман тартынчыктай.

- Эмнеге? - Ормое карады аны Камчыбек.

- Аялым ата-энесин сагындым дейт, алып барып келейин.

- Аа-а макул-макул, - деп Камчыбек ойлуу.

- Рахмат бай аке, эки күндө эле келип калабыз, - деп кубанган бойдон жөнөдү Бусурман. Камчыбек бир нерсени ойлоно мыйыгынан жылмайып алды. Анткени ошол кезде чоң канал казууга түштүк жакка кишилерди жөнөтүп жаткан. Аяктан келээри менен Бусурманды ошол жакка жөнөтмөк болду. Дубана анча бай болбосо дагы тамак-аштуу, өзүнө тың, кызын көзүнүн карегиндей карап багышты. Кыз-күйөөсү келгенге кубанышып козусун союп, май сүтүн дасторконго жайнатты. Бусурманды карындашынын уулу деп абдан жакшы көрө турган, чынында колунда жок жетим балага ким кызын бере койсун, Бусурман келбетүү, акыл-эстүү, алдуу-күчтүү жигит. Алымкан көзгө көрүнө баштагандан бери жуучулар келип эле жатты, бирок жээнин ойлоп кызын ага бермек болуп өзү чечкен, ага Алымкан дагы каршы болгон эмес, анткени анда-мында келген олбурлуу жигитти өзү дагы жактыра турган. Ошондо Үмүтай күйөөсүнө капаланып:

- Бусурманга бербей эле куда-сөөк күтсөк болбойбу, өзүңдүн жээниң катыны жок кала тургансып кызыңды ага таңганың эмнең? - деди.

- Үмүт, Алымкандан башка туягыбыз жок, Бусурман дагы жалгыз, биздин тапканыбыз дагы катканыбыз дагы ушул экөөнүкү болот, башка бирөө кызыңды кандай күтүп алат ким билет, экөө ынтымактуу жашаса болду, - деп аялын тыйып койгон. Эми экөө ээрчишип келип калганына жетине албай жаттышты.

- Бусурман, мен сага өзүм барайын деп жаттым эле, - деди Дубана, - Алымкан кызыбыз болсо сен балабызсың, мен тапкан оокат силердики, кой кайтарганды ташта дагы биякка көчүп келгиле, менин жасаганымды үйрөнүп ал, өз оокатыңа тың болуп, көз каранды болбой жашагыла.

- Ооба, атаң туура айтат, талашаарыңар жок, биздин да өлөөрүбүз калды, өсөөрүбүз калган жок, - деди Үмүтай күйөөсүн коштой.

- Макул, акымды алып анан биротоло келем.

- Жакшы болбодубу, мени дагы күң катары жумшагысы келет, - деп Алымкан дагы кубанып кетти. Эртеси Бусурман өзү кетти, барып Камчыбектен беш жылдан берки кой баккан акысын сурады эле түнөрүп көпкө отурду да:

- Кетесиңби? - деди.

- Ооба, өз күнүмдү өзүм көрөйүн бай аке, - деди Бусурман башын жерге сала, ошол убакта көрөөр көзү Айсулуу:

- Көтөрөмдү көтөрмөлөсөң көчүгүңдү ачат дейт, муну кара акысын доолап, ичип жегениңди кандай билбейсиң, көк мээ койду да ыраа көрө турган адам эмес буларың, - деп калды.

- Болду! - деп Камчыбек көрөөр көзүнө ачуулуу карады эле ал унчукпай калды.

- Эмесе мындай, акыңа беш койду тандап ал, андан кийин көчүрүп коет балдар, - деди ага карап.

- Рахмат бай аке, ыраазымын, - деп кубана ордунан турду, Бусурман кайнатасы берген боз үй менен төшөнчүлөрүн артып алып Камчыбектин бир малайы менен беш койду айдап кечке маал келип калды. Жүктү түшүрүп атын кайра берип ийди.

- Камчыбек бай оңолгон экен, койчуларын кумалак бербей кубалап ийет дечү эле, - деп Дубана ыраазы болду.

- Мен аларга ак эмгек кылдым, бербесе бирди көрсөтөт элем да.

- Ээ балам, таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен баалашпа деген, тынч оокатыңды өтөгөнүң дурус, - деди ага Үмүтай. Ошентип Бусурман Дубанага жардам берип жүрүп боз үйдүн жыгачтарын жасаганга көнүп калды. Ошол кезде Алымкан кош бойлуу болуп ичи билинип калган. Бир күнү күүгүм ченде сыртка чыккан Алымкан иги-жиги жок жоголуп кетти. Дубана менен Үмүтай кудайга зарын айтып ээн талааны кезип издеди, Бусурман андан бетер күнү-түнү издегени менен дайыны чыкпады. Ыйлап сыктап бүбү-бакшыга дагы барышты, эч натыйжа болбоду.

- Күүгүмдө аны азыткы азгырды бекен? - деди Үмүтай көз жашын аарчый муңкана.

- Кайдан билем кемпир, көзүбүз кашайбай жалгыз чыкканда жанында болсок эмне, - деп Дубана күңгүрөндү.

- Күнөө менде, мен кошо чыксам болмок экен, - Бусурман өзүн күнөөлүү сезип күңкүлдөдү.

- Кудайым кайтарам десе өзү билет да, табылып калаар.

- Кайдан, төрт күндөн бери эмне гана болду десең?

- Баса, мен тээ төрдөгү зоокага барып келейин, ошол жакта азыткынын мекени бар дешчү эле, болсо ошол жактан бир табылат, - деди Дубана.

- Алда-а кудайым ай, эми кантем, табылганда соо калдыбы, көзүмө жамандыкты көрсөтпөсө экен жараткан, - Үмүтай бышактап ыйлап кирди.

- Болду, жамандыкты ойлоно бербей, илгери мен бала кезде бирөөнүн баласын ошол жакта ойноп жаткан жеринен он беш күндөн кийин бир мергенчи көрүп калып алып келген экен, - деди Дубана аялынын ыйлаганын жактырбай, - Ошондо баладан сурашса ойноп келбедимби апа жана эле баргамын дептир.

- Кудай жар болсун, ошондой болоор күн кана, кош кат неме эмне болду кокуй?

- Кудай сактасын, менин көңүлүм ток эле, кызым аман-эсен.

- Тага, мен дагы сени менен барайын, - деди Бусурман.

- Эртең чыгалы, күнчүлүк жол ортосу, биз жеткенче кеч кирип кетет, бир үңкүр бар ошого түнөйбүз, - деди Дубана. Үмүтай аларга жол азык даярдап, кийимдерин белендеп анан жатты. Эртеси алар үрөң бараңда чыгышты, кечке маал жетип Дубана өзү жаш кезде көргөн үңкүрүн издеп таппай түн кирип кетип ээр токумун жазданып, көрпөчөсүн төшөнүп жатып калышты, бирок таң атканча көздөрү илинбеди. Эртеси кечке издегени менен эч дареги билинбеди. Кечке маал айылды көздөй жөнөп, түн бир оокумда зорго үйгө жетишти…

Бул кезде Камчыбек Алымканды алдырып бир өргөөгө киргизип камап коюп кайтартып жатты. Берген тамактарын ичпей кийимдерин ыргыткан Алымкан ыйлап-сыктап жатты. Эки аял аны карап жанында, муну эки аялы билсе дагы унчуга албады, Айсулуу укпады.

- Мени бул жерге ким алып келди, кое бергиле, - деп күндө какшап ыйлайт, - Боюмда бар, күйөөм бар, мени кое бергилечи, - Жалдырап жатканда бири:

- Бизде эмне арга кызым, сени алдырган бир бай, кадыр-барктуу адам, - деди.

- Байлыгынын мага эмне кереги бар, күйөөм бар экенин билбесе айтып койгула, беш айлык боюмда бар.

- Билет кызым, азыр байлык бар жерде бийлик бар, биз болгону айтканын жасайбыз.

- Ким деген бай экен, атын айткылачы? - деди аргасыз Алымкан ыйламсырай, ыйлай берип үнү бүтүп, көздөрү шишип чарчаганда уйкусу келип жатып калды.

- Кызым, балаңды сакташ үчүн тамак ичпесең болбойт, ачка болсоң балаң түшүп калат, - деди бир күнү жанындагы аял. Алымкан айласы кетип тамак иче баштады, ата-энесинин өзүн ойлоп кайгы тартып жатканын сезип:

- Мен ата-энемдин жалгыз кызымын, мен эмне десе ошого макулмун, менин айымдан ата-энемдин өлүп калышын көтөрө албайм, айткыла байыңарга, - деди. Алар дароо эле жеткиришти, бирок Камчыбек Дубанага киши жиберип жалган айттырды. Барган жигитке күйөөсүнө көрүнбө деп катуу дайындады. Дубана сыртта жүргөн Бусурман аялын издеп дагы эле үмүтү үзүлбөй тоо-таштын арасын, кээде айыл аралап үйгө токтобой калган.

- Ассалоомалейкум! - деп келген адам Дубанага салам айтты, - Дубана деген сизби?

- Ооба, эмне керек?

- Сиздин кызыңарды биздин Алайга ала качып кеткен экен, ошону кабарлайын деп келдим, бул жылкы менен тигинде жайылган он кой, беш уйду жолдун алыстыгына карабай буларды берип ийди, кийин өздөрү келишет, - дегенде Дубана ачуулана:

- Кандай айбан неме аныңар, күйөөсү бар, кош бойлуу аялды алып кеткени кандай? - деди опурула.

- Мен айтаарымды айттым, - деди да атын темине бастырып кетип калды, Үмүтай чыга калып короонун четинде турган койлорду айдап кирип, уйларды киргизип байлап жаткан күйөөсүн көрүп.

- Ой, кайдагы мал, короого эмнеге киргиздиң? - деп сурады.

- Калыңга келди кемпир, сүйүнчү кызыбыз аман-эсен экен, кабар жеткирип келиптир.

- Ыя, оо кудай ак сары барыл!

- Болду кемпир, малына эмес аман экенине жетине албай жатам, - деди да короонун оозундагы казыкка чылбырдап байланган жылкыны жетелеп кирди, - Үйгө келгенден кийин карабай талаага таштайынбы?

- Ооба-ооба, Алымканым кагылайын каргадайым, аман экен го акыры, - деп Үмүтай ыйлап-сыктап сүйлөнүп жатты.

- Деги аялдар эмне деген калксыңар билбейм, сүйүнсө да, кайгырса да көз жашы кылып турасыңар.

- Эмне кылайын анан атасы, деги кайда экен, кандай неме алып кетиптир, курсагындагы бала эмне болот? - деп сүйлөп жатканда Бусурман келди, Дубана аялын карады эле ал үн дебей калды, короодогу жылкыны көрүп Бусурман:

- Тага, бул кайдагы ат? - деди таңгала.

- Балам, кир үйгө сүйлөшө турган сөз бар, - Дубана үйгө басты, артынан Үмүтай менен Бусурман кирип отуруп калышты, - Бусурман, Алымкандын амандыгын угуп кубанып отурабыз, - деди Дубана ага кайрылып.

- Кайда экен, келген жокпу анан?

- Шашпа балам, бизге да кыйын болуп турат, кандай десем.

- Тага, деги жайчылык элеби? - Бусурман чыдамы кетип тагасына суроолуу карады.

- Жайчылык эле, Алымканды бирөөлөр ала качып кетиптир!

- Эмнеге, ала качкыдай кыз беле?

- Ошого таңгалып жатабыз, Алайда деди да кетип калды, ачуу басар деп он кой, бир жылкы менен беш уй алып келди.

- Бул туура эмес, күйөөсү турса кантип алып кетет? - деп Бусурман жиндене үй ичинде аркы-терки басып, отура калып кайра тура калып жатты: "Балким калыңына карап өздөрү берип ийбесин, менин балам эмне болот", - деп ойлонуп кыжаалат болуп жатканда Дубана аны тынчтандырды:

- Бизден күмөнсүп жүрбө, мен келген жуучуларга бербей койгонмун, жаман оюм жок эле, кайдан таап бара алабыз, Алай деген кайда жатат.

- Аны зордоп алып кеткендир, мен аны табышым керек.

- Шашпа, сен жок болуп калбадыңбы, артынан барганда болмок, мен дагы өз акылымды топтой албай калдым.

- Кантип ал башка бирөөгө тийип алат, боюнда бар аялды… - Бусурмандын муштумдары түйүлө кыжынып сыртка чыгып кетти. Дубана менен Үмүтай тилден калгандай отуруп калышты, чынында кызынын амандыгы алардын көңүлүн жай кылып, эмнеси болсо деле аман болсун дегенден башка ойдо болушпады. Алар жалгыз кызынын капаздагы куштай саргарып, ата-энесин аяп баарына макул болгонун кайдан билишсин…

Камчыбек Алымканды төрөгүчө өргөөдөн чыгарбай тамак-ашты жаңылатып бердирип, кийимдин жакшысын, шуру мончоктун баалуусун, башына илеки кийгизип кулпунтуп койду. Арадан төрт ай өткөндө уул төрөдү, бир ай эмгизип бала торолгон кезде нике кыйдырып алды. Алымкан жаштыгынан улам ата-энесине карап макул болду. Адеп көргөндө көздөрү алайып жаман абалда калды, бирок аргасыз көндү. Айсулуу муну билгенде төркүнүнө кетип калды, анын атасы дагы учурунда эл башы болуп жүргөн, эки жыл мурун оо дүйнөгө кеткен эле. Камчыбек Алымкан менен өргөөдө бирге боло баштады, бир күнү анын жанында отуруп:

- Эмнеге өз малайыңыздын аялына үйлөндүңүз? - деди.

- Мен сени бир көргөндө жактырып калганмын Алыш.

- Сиздей адам кулунун аялын алып алганы кадырыңызды түшүрбөйбү?

- Неге, бизде да жүрөк бар да, арзуу ишине сот жок Алыш.

- Небереңиздей болуп турсам уялбайсызбы?

- Уялбайм, - Камчыбек карс-карс этип күлүп алды, - Мени жараткан өзү сүйүп жараткан, байлык турган жерде баары болот Алыш, кандай айтпа сенин тагдырың менмин, - деп келинди аста колунан кармап өзүнө тартып алдына отургузду, - Жакшы кийим кийип, чүйгүн тамак ичип, жаш сулуу аялдарды алуума өзү жол берип жатат, уктуңбу гүлүм?

- Сиздин койнуңузда муз менен тирүү өлүк жатканын сезесизби?

- Сезгим да келбейт.

- Атамдарды сагындым, жарым жылдан ашты, качан алып барасыз?

- Ал сага байланыштуу.

- Эмне үчүн?

- Эгерде ата-энеңе өз эрким менен бардым дей турган болсоң эртең эле алып барам, той өткөрөм, - Алкымынан жыттап койду, - Ууз жыттанасың берекем.

- Кызык, менин күйөөм билсе сизге келбей койбойт.

- Келсе мал менен оозун жабам, болбосо өз убалың өзүңө деп күм жам кылам, - деди Камчыбек кенебей.

- Эмне, өлтүрүп коесузбу? - Алымкан көздөрүн алайтып оозун басып калды.

- Коркпо кара көзүм, киши өлтүрүү колумдан келбейт, - деп келинди бекем кучактап жатып калды. Арадан дагы бир ай өткөндө Дубана менен Үмүтайга киши келди, Бусурман ал кезде таарынып башка жакка кетип калган.

- Силерге Камчыбек бай жиберди, кызыңарды төркүлөтөт экен, - деди ал келген чабарман.

- Эмнеге Камчыбек төркүлөтөт? - Дубана түшүнбөй суроолуу тигилип аң-таң болуп турду.

- Камчыбек бай сиздин кызыңызды нике кыйдырып алган.

- Эмне, ошол сасыган картаң чал менин кызымды уурдап алган экен го, мен ага көрсөтөм! - деп Дубана жулкунуп ак атчанды кубалап артынан жөнөдү. Камчыбектин айылына келгенден эле кыйкырып-өкүрүп колундагы союлу менен жерди сабап кирди, - Картаң эшек чык эшикке, көрсө сен экенсиң го, менин кызымды уурдай качып камап отурганың үчүн сени бүгүн өлтүрөм! - деп келе жатканда андан жазганып Камчыбектин малайлары менен бала-чакасы алачыктарына качып кирип жатты. Камчыбек ачуусу келсе төрт жигитке байлатып туруп өлөрчө сабап туруп үйүнө таштатмак, бирок ал Алымкандын көңүлүн тапмак болуп:

- Алымкан, сен чыгып жооп бер, болбосо мен ачуум менен бирдеме кылып койбоюн, - деди келинди сынай.

- Эмне дейин?

- Мен өзүм келдим де.

- Кантип?

- Анда иш жаман жагына айланат, - дегенде ойлуу туруп калган Алымкан: "Эми Бусурманга кантип кайра бармак элем, тагдырым буйруганды көрөөрмүн", - деп ойлоп уулун колуна алып боз үйдөн чыкты, кайсактап Камчыбек каерден көрүнө калат деп турган Дубана баласын көтөрүп чоң өргөөдөн чыгып келе жаткан кызын көрүп делдээ карап туруп калды, колундагы союлу жерге түшүп, турган жеринде катты:

- Ата, мени кечир, Камчыбек байга мен өз каалоом менен келдим, - деп көзүнүн жашы салаалаган кызын көрүп дароо артына бурулду. Алымкан атасынын карааны узаганча туруп анан үйгө кайра кирди, - Силердин максатыңар ушул эки ооз сөз беле, мына мени атам кечип кетти, - деп баласын көтөргөн бойдон тизээлей отуруп солкулдап жатты.

- Эчтеке эмес кара көзүм, кечип кайда бармак эле, ачуусу тараганда келет, же өзүбүз барабыз, - деп Камчыбек келинди эки карысынан алып өйдө кылды, - Жашык белемсиң, жашоодо мындайлар боло берет, сени жан дилим менен жактырдым, көңүлүңө кир жолотпойм.

- Ата-энемди алдадым, жүрөгүн ооруттум!

- Баланы эч ким кечип кетпейт.

- Атам андай эмес.

- Капаланба, мен сени ата-энеңе жөнөтөм, кайра киши жибергенде келип каласыңбы?

- Ооба, келип калам, качан барам?

- Бусурман болсо азгырылба, - деп Камчыбек келинди сынай карады. Ошентип Камчыбек Алымканды үйүнө жибергенге камынып, туугандарынын аялдарын кошуп бермек болуп жатканда Айсулуунун атка сүйрөлүп өлгөнүн угуп токтотуп калды, анын сөөгүн Камчыбектин үйүнөн чыгарды, ошентип дагы убакыт өтүп кетти, бир күнү Үмүтай кой сойдуруп алып Дубананын каршы болгонуна карабай кызына учурашканы келип калды. Камчыбек аны сыйлап, жакшы кийит кийгизип жөнөтмөк болду, келгенден эле кирип чыккан адамдар көп болуп Алымкан менен сүйлөшө албай кетээрде эне бала ээндей басышты:

- Кызым, бул эмне кылганың, Бусурманда көңүлүң болбосо жаш, жакшынакай, өзүң теңдүүлөр келгенде неге баш тарттың, ошончодон атаңдай немеге өз макулдугуң менен келгениңе жол болсун, биздин көргөн күнүбүз түнгө айланып, жашыбыз соолуп кала жаздаганча кабарыңды билдирбедиң, Бусурман болсо бизди таштап кеткен, ал сенин биерде экениңди биле элек, - деп жебиреп сырын билмек болуп кызынын жүзүнө тигилди.

- Апа, сен сураба, мен айтпайын, кыскасы тагдыр мени ушуга кошту, мен силерди аяйм, колубуздан эмне келет, - деди ыйлап Алымкан.

- Кызым, сенин көз жашыңды көрбөсөк болду, эми баланы мага бер, алып кетейин, кокус Бусурман билсе баары бир келет, баласын көрсө унчукпай калат.

- Апа, эки айдан зорго ашты, кантип багасың?

- Багып алам кызым, атаң экөөбүзгө деле эрмек болбойбу? - деди үшкүрүнгөн Үмүтай.

- Макул апа, Бусурман мени кечирсин, - деди да уулун ороп чулгап эки ууртунан өөп апасына карматты. Камчыбек бир атты жасалгалап кайненесине мингизип, кешикти куржундун эки көзүн толтуруп узатып коюшту. Үмүтай небересин өңөрүп алып кечке маал үйүнө келди, Дубана келип наристени алып, кемпирин аттан түшүрдү.

- Кандай барып келдиң?

- Жакшы атасы, кызым бактылуу экен, - деди эне шек санап өзүнөн не сөз угаарын билбей суроолуу тигилген күйөөсүнө, - Баланы өзүм болбой алып баса бердим.

- Үйдө Бусурман бар, акырын сүйлө.

- Качан келди?

- Жанараак келди.

- Эми эмне кылабыз анан?

- Эмне кылмак элең, болгонун болгондой ачык айталы, канчага жашырмак элек.

- Мейли, бечарага кыйын эле болот го? - деп ээрчише үйгө киргенде Бусурман ордунан тура калды.

- Алымкан келдиби?

- Жо-ок, баланы мен алып келдим.

- Мм… - Бусурман шалдая туруп калды.

- Бусурман бул сенин уулуң, - деди Дубана.

- Кереги жок, энеси мени алдап кеткен баланы көргүм келбейт! - деп терс бурулду Бусурман.

- Мейли балам, өзүң бил, өз балабыздын баласын бакпаганда кантебиз садага, сага деле оор, түшүнүп туруп арга табалбадык, аргасызбыз балам, жалгызыбыздын амандыгы бизди жашоого кайра алып келди, - деп Үмүтай күлүп калган наристе ыйлаганынан ороосун чечип которуп жатканда астыртан көз салган Бусурмандын жүрөгү элжиреп кетти: "Менин каным, өз тукумум эмеспи, кантип карабай кое алам, тун баламды өз колума албай кантип чыдай алам?", - деп Үмүтайдын жанына келди:

- Апа, уулум мага эле окшош экен ээ, берсең колума алып көрөйүн, - деп колун сунганда кармата койду ал, Бусурман баланы колуна ала койгондо атасы экенин билгенсип наристе жарк этип күлүп койду эле ого бетер Бусурмандын маңдайы жарыла сүйүнүп кетти, - Келе гой уулум, мен сени эми эч кимге бербейм, өзүм багып алам, - деп эшикти көздөй басканда:

- Бусурман каякка? - деп Үмүтай чыйпылыктап ийди эле Дубана аны акырын тыйып койду, Бусурман уулун көтөрүп алып эшикте басып жүрүп ыйлап жатты: "Алымкан, сен мени алдаган экенсиң го, көз көрүнө таштап кете бердиң, кантип дитиң барды экен, колунда жок кул деп кемсинттиңби, жаш туруп ушунчалык куулугуң бар экенин билбептирмин, мейли ушуга да шүгүр, кайдагы бирөөгө телитпей уулумду өзүмө бергениңе, бактылуу бол", - деп ойлонуп жүрүп көптөн кийин ичке кирди.

- Оройсуңбу апа, үшүп калбасын.

- Ооба, оробой анан балам, бала куштун көлөкөсүнө тоңот деп коет, этият болбосо балага суук өтүп же ысыкта ысык өтүп кетет, бул азыр чырымтал наристе да, - Үмүтай баланы алып ороосуна ороп кирди.

- Сүтүң болсо сүт бер эми.

- Сүт бар, ыйласа берем да, - деп момураган наристени алып отурган Үмүтай телмире ойго батты. Ошондон көпкө чейин Бусурман эч жакка чыкпай бала менен алек болуп калды, Үмүтайдын колу бошобой калганда үй ичинде көтөрүп жүрө берет. Арадан бир ай өткөндө гана кайдадыр кетти, анткени ал: "Мен эми жалгыз эмесмин, балам үчүн жашап, балам үчүн эмгектенишим керек", - деп ойлонуп дагы бирөөнүн малын бакмак болду, анан жолдо кетип жатып: "Камчыбекке кайра барып коюңду кайтарайын десемби", - деп ойлонуп кайра айнып кетип калды, ал Алымкандын Камчыбекке токол болгонун али уга элек болчу, Дубана айтмак болуп келе жатып: "Эгерде айтсам бул жөн калбайт, балээ болуп кетпесин", - деп айтпай койгон. Ошентип ал Батырбек деген болуштун баласына койчу болуп калды. Жаздан күзгө чейин кайтарса кышында чөп салып, суугарып жем берип керээли кечке жаны тынбайт. Акысын жылдын аягында бермек болуп сүйлөшкөн, туура бир жыл өткөндө байдын аялы бир сыйра эски кийим менен өтүк берди, бир козу бир улак алып кубанып Дубанынын үйүнө келди. Уулун көрүүгө ашыгып кирип келсе Алымкан отуруптур, баласы тамтуң басып жүрөт, босогодон аттап келе жатып токтоп калды, Алымкан туруп аны карап селдээ түштү.

- Уулум, келчи мага, кана атаңа келчи! - деп колун сунду Бусурман, наристе аны көздөй чоочулабай эле тамтаңдап келе жатты, босогодон бери жылып баланы жыгылбасын дегендей ага жүткүнгөндө Алымкан сыртка чыга качты, анткени анын дагы боюнда бар эле…

- Бусурман, азыр келдиңби уулум? - деп Үмүтай арт жагынан үн катты.

- Ооба апа, азыр эле келдим.

- Уулуңду көрдүңбү, басып калды тегеренейин.

- Көрдүм апа, эми мен кайра кетейин, - деп тура бермек болгондо Үмүтай.

- Ботом, эмнеге шаштың, чай-пай ичсең боло.

- Жок, кайра эле келем дегем апа, - деп калп айтты Бусурман, анткени эки күндөн кийин кетмек болуп келген эле. Ал сыртка чыгып кетмек болуп баратканда Камчыбектин аты бастырмада байланып турганын көрүп: "Бул ат кайдан келди, өзүнөн башка минчү эмес эле, көрөөр көзүнө дагы бербей койгонун өзүм менен көрдүм эле го", - деп ойлонуп туруп калды, негедир кадамы жылбай тушалып калгандай болду, ал ошентип турганда короонун оозуна Камчыбектин жигити келип аттан түшкөндө Бусурман аны көздөй басты:

- Сен бул жерге эмнеге келдиң? - деди орой.

- Бай акем Алымканды алып кел деп жиберди.

- Эмне, бай акеңдин Алымканда кандай жумушу бар?

- Сен али билбейсиңби, Алымкан азыр бай акемдин токолу экенин? - дегенде Бусурмандын башына келтек тийгендей заңк дей түштү.

- Эмне дедиң? - деп кайра укпай калгандай сурап теңселе түштү, ачуусу келгенинен муундары калчылдап кирди, - Айтчы эмне дедиң?

- Ошо… - деп тигинин түрүнөн чоочулап артка кетээнчиктей бергенде аны түртүп ийип анын атына ыргып минди дагы чаап жөнөдү, ошол кезде Алымкан менен Үмүтай чыга калды.

- Тиги кайда кетти кокуй?

- Билбейм, ал билбейби? - деп кайра алардан сурады жигити Темиркул.

- Жок, эчтеке билчү эмес.

- Анда бай акенин шору катты, жеңе бол эртерээк барбасак иш жаман, - деди тигил Алымканды карап.

- Атты току?

- Жарайт, - деп Темиркул шашылып бастырмадагы атты арыдан бери токуй салгыча Алымкан кийинип чыга калды, Алымканды мингизип өзү учкашты да чаап жөнөштү. Бусурман атты өлөр тирилерине карабай чапкылап Камчыбектин өргөөсүнө жетип ыргып түштү да эшигин жулуп кирип келди:

- Ээй көпөс, сен менин катынымды тартып алып басынткың келдиби ыя, угуп кой Камчыбек, мен сени акыры өлтүрөм, ошол учур болгондо башкача болмок, эми сага тийбейм, бирок ээн жерден жолукпагандай бол! - деди да сыртка чыгып желеде байланган беш жылкыны кулуну менен айдап басып кетти, анын кетип жатканын көргөн Алымкан жетип калган, үйгө кирсе Камчыбектин жүзү көкмөк болуп ачуудан жарылып кетпей араң турган экен.

- Байым, силерге зыян кылган жокпу? - деди аста.

- Жок, ошол томояктын колунан келеби?

- Бай аке, Бусурман желедеги кулундары менен беш бээни айдап кетти! - деп бирөө баш бакты.

- Мейли, ошол томоякка Алымканым үчүн берген садагам болсун, - деп койду Камчыбек. Бирок ичи ачышып туттугуп зорго отурду, - Алыш, мага кымыздан берчи.

- Ачууңузду басыңыз байым.

- Бир томоякка ачууланганда не…

- Ошентсе да.

- Мага сенин дилиңдин актыгы керек, мага чын дилиң менен берилсең болду, башкасы мага эчтеке эмес Алыш, - деп кымыз сунган Алымкандын колун кошо кармай эркелете карады.

- Байым, сиз уруксат берсеңиз баланы өзүм эле баксам болот эле, апам деле кыйналып калыптыр.

- Алыш, мен баланы күнөөлөбөйм, өзүң менен болгону жакшы го.

- Сизге ыраазымын, - деп Алымкан унчукпай калды, ал оюнда уулу Темиркулду ушул жерде багып ага энчини тең бөлө турган болсун деп ойлоп турган: "Эртели кеч балам дагы чоңоет, кийинкиси үчүн мен кам көрүшүм керек, Бусурман балага бирдеме бере алабы", - деген күдүк ой ага Камчыбектин балдарына үйүр жылкы, короо кой менен саан уйларды берип, үстүнө он эки канат үй тиктирип бергенин көрүп жаш болсо дагы башына ушул ой келген.

- Алыш, бала чоңое берсин, Темиркулду өз баламдан кем көрбөйм, - деди Камчыбек Алымканды купуя сырын жүзүнөн окуп койгондой, - Кааласаң Темиркулга эмитен эле энчини бөлүп атаңдыкына жеткиртейин.

- Жо-ок, андай оюм жок, бала энеси менен болгону жакшы го деп ойлогонмун да…

- Мейли, бирок сен дагы төрөсөң кыйналып каласың, бала басты болуп жүдөйсүң го, сенин кулпуруп жанымда отурганың мени жарым жашка жашартып койду, сен менин өмүр булагымдын соолубас тамчысысың.

- Байым, Күмүш эже менен Арагүл эже мени жаман көрөт, сиз аларга барып туруңузчу, - деди сөздү башка нукка буруп, - Сиз мен келгенден бери аларга бара элек окшойсуз? - деди наздуу көздөрүн сүзө, мыйыгынан жылмая, анткени ал жок болсо эркин сезе түшөт, аргасыз өзүнүн атасындай адамга аял болгонуна ичтен сызып арман кылганы менен жек көрүүсү күч эле. Эсинен Бусурман экөөнүн өткөргөн жакшы күндөрү менен рахаттуу түндөрү кетпей ызадан ээн боло калса боздоп үн чыгарбай өксүп-өксүп алат дагы тагдырына тан бере бугу чыгып отуруп калат. Ата-энесин аяп, ошолорго зыяны тийбесин деп аргасыз ачуу тагдырына баш ийгенин алар дагы сезбейт. Айла канча, кызынын көңүлүн оорутпас үчүн Дубана да кайрылып бирдеме дебеди.

- Ээ, аларга менин керегим жок, болгону байлыгымдын көбүн сага алдырып ийгилери келбей кызганганы да, - деп Камчыбек Алымканды белинен имере өзүнө тартып сакал муруту сайгылагандан тартынган келинди кыса кучактап аймалап кирди, - Мен үчүн гана жаралган экенсиң, көрбөй көзүмдү кара басып жаңылганымды кара, эми дагы кеч эмес, өмүрүмдү майрамга айланттың, - Камчыбек олбурлуу денеси менен келинди шайы жууркан үстүнө басып жыгылды.

- Сакалыңыз жүдөтүп ийди…

- Эчтеке эмес, көнүп кетесиң.

- Алып койсоңуз болбойбу?

- Кой, анте көрбө Алыш, бул сакал мурутту ойноо кезим отуз жашымда койгонмун, эми алтымышка таяганда алганым болбойт, - деп чоочуп кетти Камчыбек, - Башканы сурасаң сура, асты сакалымды ал дей көрбө берекем.

- Ма-акул эми, - Алымкан аялдык назын көрсөтүп, эркек алдында өзүн абдан эркин кармап көнө баштаган, Камчыбек алтымышка таяп калганы менен алдуу күчтүү, жүзү тарам-тарам кызыл болуп али сулуу адам эле, ошого жарага күч-кубаттуу эле. Коюнунда кылыгы менен назын тартуулап кыткылыктаган жаш келин ага түбөлүк өлбөстүктүн балын таттырып өзгөчө бактылуу. Күмүш менен Арагүл кээ-кээде жолугуша калганда күйөөсүнүн калыстык кылбаганына өздөрүнчө күйүп-бышып калышат. Күмүштүн эки уулу тең үйлөнүп өздөрүнчө бөлүнүп жашап жатышат, Арагүлдөн бир кыз, бир уулу бар. Кызы күйөөгө чыгып балалуу болуп калган, уулу Калдар үйлөнө элек. Күмүш Арагүлдү көрүп басып келди.

- Арагүл кандай, бу байдан кабар барбы?

- Жо-ок, жаш токолунун маңдайынан чыга албай калды го?

- Калыссыз бийде ыйман жок дегендей картайганда ыймандан тайыды, өзү катын алганча Калдарды үйлөнтсө болбойт беле, - деп Күмүш Арагүлдү тымызын күүлөп турду, - Эл деле кеп кылат да ботом, балдары менен жарышып, катын десе көзү кызарып турат.

- Калдар өзү үйлөнгөнгө көңүлү жок эже, ал көңүлдөнсө бай деле каршы болбосо керек.

- Сен ошону айт байга, жыйырмадан ашты, аттуу-баштуу жерге куда түшүп үйлөнтсүн, эми жаш катынына байлыгын алдырып ийе электе сен дагы озун, - деп күүлөп кирди, - Кечээ эле эшигибизде кул болуп жүргөн Бусурман беш бээни кулуну менен айдап кеткенде унчукпай калды го?

- Ооба, ошону туура эмес кылды, Алымкан деп бай акылынан адашты окшойт, - Арагүл дагы ички ызасын чыгарды, - Мени алганда деле атамды кедей деп тоотпой анча калың берген эмес, жубан, болгондо дагы кулдун катынына ушунча чабылды.

- Ошону үчүн сен баланы үйлөнт де, кечинде өргөөңө чакырып айткын, ансыз деле кедейлер талоонго түшүрөт малды, андан көрө балдарга бөлүп-бөлүп берсе кулакка тартылбай калат.

- Ошентейин, - Арагүл ойлонуп калды.

- Күз келди, келин алып өз өргөөсүн бөлүп сал.

- Туура, мен өзү билет деп эле жүрбөйүнбү, - деп Арагүл күндөшүнө ыраазы боло сырдашып экөө эки бөлүндү. Калдар эр көкүрөк жигит, атасынын байлыгына чиренип жоро бозодо эрке бала болуп көзү ачылбайт. Анын көңүлүнө толгон кыз колунда жок Бегимкулдун кызы Таттыгүл эле, экөө жолугушуп калат, бирок кыз анын өзүн сүйөөр-сүйбөсүн билбейт: "Мени теңине алмак беле, мындай байдын баласына эрмек болгуча өзүмдүн теңимди тапканым жакшы", - деп ойлоп кийинки кездери ал чакырса дагы жолукпай калган. Бир жолу бозого мас болуп алып түз эле анын үйүнүн эшигине келди, Бегимкул менен Чайгүл жок эле.

- Үйдө ким бар? - деди аттан оой-оой жыгыла жаздаган Калдар, Таттыгүл чыга калып коркуп кетти.

- Эмне керек сизге?

- Таттыгүл, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмнени, ушул абалыңызда эмнени чечмексиз?

- Татты, Таттыгүл мен сени сүйөм, сага үйлөнөм, - деди Калдар ирээтсиз сүйлөп.

- Сиз мени мазактагыңыз келбесе эртең соо келиңиз, - деп Таттыгүл ичке кирип кетмек болгондо Калдар:

- Эртең жуучу жиберем! - деди да бастырып кетти, ал дал ошо Арагүл менен Күмүш сүйлөшкөн күн эле. Кыз ичке кирип демиге туруп калды: "Чын эле мен Калдарга күйөөгө чыгамбы, ал мени сүйөт экен да, эми эмне кылам, атамдарга айтсамбы же мастыгы менен айтып койдубу, алар келсе кантебиз, же бир колубузда жок", - деп жүрөгү лакылдай ичке кирип өзүнө абийирдүү кийим издеди, бирок колго илинээр кийими жок экенин көрүп супсуну сууй түштү: "Алар уяттуу адам болсо, ийиниме илээр кийимим жок кантип көрүнөм, атамдын колунда жок болсо кантем, бар болсо аяшмак эмес, ар кимдин эскисин эптеп алып келип берет, ошого да ыраазы болуп күн көрүп келе жатабыз", - деп ызалана көз жашын сыгып алды. Кечке маал Бегимкулдар келип калды:

- Татты, эмне кабагың салыңкы? - деди Чайгүл кирип келип эле, - Бирөө капа кылдыбы кызым?

- Жок апа, эртең тигил айылда Бөрүбайдын келинине той берет экен деп уктум, Сайрагүл келип барып келели дейт, менин алгылыктуу кийимим да жок.

- Каралдым а-ай, болсо сенден аямакпызбы, азыр кызым, - деп Чайгүл баштыгын оодарып калды, - Таежең сага деп Кенженин бир кийген көйнөгүн берди эле, көрчү сага жагабы?

- Көрөйүнчү, - деп эңкейип карап жатканда Сайрагүл кирди, - Кел Сайрагүл.

- Келдим, эртең тойго барып келелиби, ала бакан тээп көңүл ачып келели.

- Ошого мен дагы сени менен барсамбы дегем, - деген Таттыгүл куржундун бир көзүнөн алып чыккан шабар шайы көйнөктү көрүп көздөрү жайнап кетти, аны менен кошо үкүсү бар тебетей дагы бар экен, бир топ эле кийилген түрү бардай, бирок Таттыгүлгө жаңы гана тигилгендей жүрөгү алаптап жатты.

- Кызым, Кенже күйөөгө тийип кетиптир, кийе турганы жок эмеспи, сага берип жиберди.

- Жакты апа, эртең тебетей экөөнү тең кийип алайын, - деп Таттыгүл көйнөктү улам аңтара карап, тебетейди башына кийип көрүп, Сайрагүл менен апасына кайрылды, - Жарашат бекен?

- Аябай жарашып калды, кайсы байдын кызы деп сени ала качып кетпесе болду, - деп Сайрагүл ага карай күлдү, ал өзү деле колунда жоктун кызы, бирок ал азыр Таттыгүлдүн тебетейи менен көйнөгүнө суктанып турду.

- Буйрусун кызым, кейибей тур, эжем жакында сага деп көйнөк, кесмел тиктирип берип ийем деди.

- Ырас элеби апа? - Таттыгүл апасын кубанычтуу кучактап өөп-өөп алды, - Таежемдердин колунда бар да ээ?

- Шүгүр кызым, дагы ошолор билгизишпейт, болбосо баягы ачарчылыкта эле өлүп калбайт белек? - Чайгүл кейий кетти, - Сайрагүл, отурсаң боло.

- Жо-ок, кете берейинчи, эртең эл менен кошо тойго барып келсекпи деп эле келгем, - Сайрагүл кеткенге камынды, - Сен мага барасыңбы Татты? - Ал ата-энесинин айтканын айтчу, анткени дайыма аны "Татты" дешээр эле.

- Ооба, мен сага барам.

- Макул мен кеттим, - Сайрагүл чыгып кетти, Таттыгүл кыялында үйүнө тоодой-таштай адамдар келип жуучулукка колун сураганын элестетип жүзү албыра көйнөктү кармалап ойлуу.

- Сен дагы бой жеттиң кызым, андай тойлорго барбай эле койсоңчу, жайсыз жерге барып калсаң атаң экөөбүздүн көргөнүбүз не болот, жайлуу болсо го… - деп кейип калды Чайгүл.

- Кабатыр болбочу апа, али жашмын.

- Кайдан, он бешке толуп калдың, көздүү мончок жерде калбайт дешет, кыз жаманы кыроо деп ала качып кетсе оңой эле, колубуздан эмне келет?

- Ала качпайт, - деп дагы бирдеме айтмак болуп токтоду, ал канчалык Калдарды ойлогону менен анын жуучу жөнөтөөрүнө ишенип-ишенбей турган, ошондуктан сыр билгизбеди, ал күнү алар аркы беркини кобурашып жатып калышты, Бегимкул менен Чайгүл беш бала көрүштү, алар чоңое электе эле чарчап калышып Таттыгүлдү карманып калышкан…

Арагүл өзүнчө ойго батты, күйөөсүнө ачык айтып уулун үйлөнтмөкчү болуп үйүнө тамакты жакшылап жасатып, айылга кийчү жакшы кийимдерин кийинип алып күтүп отуруп калды. Күүгүм ченде Камчыбек үйгө баш бакты:

- Ара, байбиче тынччылыкпы:

- Тынч эле, чакыртпаса келбей калдыңыз.

- Таарынычты кой, эми жаш эмессиң, балдар чоңойду, - деп төргө мандаш токуна отуруп калды, - Айылга барчудай болуп жасанган экенсиң байбиче.

- Сизди күтүп эле…

- Жайчылыкпы деги?

- Чайдан алыңыз, анан кепке өтөлү.

- Макул-макул, - деп сунулган чайды ууртап аялына көз кырын салды, - Маанилүү сөзүң бар го?

- Маанилүү үчүн чакырттым байым.

- Кулак сенде.

- Шашып жатсаңыз…

- Кайда шашмак элем?

- Калдардын үйлөнөөр кези келди.

- Билем-билем.

- Билсеңиз жайлуу жерге куда түшсөк дедим эле.

- Кудай алсын аны, балаң үйлөнөм дейби? - дегенде боз үйдүн эшиги ачылып Калдар кирди:

- Ассалоому Алейкум! - деп атасы менен учурашты, - Издетпей үйдө экенсиз да ата.

- Эмнеге издемексиң балам?

- Сизге кеңешүүм керек.

- Айта бер, апаң экөөбүз дагы сени айтып отурдук эле.

- Ата, мен үйлөнөйүн деп жатам.

- Кыз кайдан экен?

- Бегимкулдун кызына куда түшөсүңөр го?

- Ой, сен тиги итке минген куу казан Бегимкулду айтып жатасыңбы? - Камчыбек келбээрсине уулун карады.

- Атасы кедей болсо болгондур, кызы мага жагат.

- Адегенде кызды көрөлү, сага кыз жакса байкап көрөлү.

- Силер эртең жуучу болуп барып келгиле, - деди Калдар, анын таруу бозого тойгону билинип эле турду, Камчыбек анын көптөн бери жоро бозодон чыкпай калганын уккан, эми минтип үйлөнөм дегенине бир ачуусу келсе, бир чети ылайык көрүп турду.

- Ал куу казан ата-бабасынан бери дегеле жарыган эмес, апаң менен Күмүш экөө барып келсин, эгерде кыз жакпаса мен сага башка кызды алып берем, - деди Камчыбек бүтүм чыгара.

- Мен башканы албайм! - деди Калдар кабагын сала.

- Көрөбүз, - деди да ордунан туруп кетти.

- Балам, сен аттуу-баштуу адамдын баласысың, жоро бозодон башың чыкпайт, андан көрө айтчы, Бегимкулдун кызы жакшы кызбы? - Эне уулун сырдуу карады.

- Апа, жакшы эле кыз, үйлөнсөм ошого эле үйлөнөм.

- Макул, эртең барып көрүп келели.

- Куруу барасыңарбы?

- Жок балам, куруу кол баргыдай колубуз куруу беле, өз жолу менен барабыз да, - Эне бала сүйлөшүп отуруп жатып калды, эртеси Арагүл менен Күмүш эки ат менен бир кулундуу бээ жетелеп алып Бегимкулдун үйүнө түштү, Күмүштүн улуу баласын кошуп алышкан, Чайгүл кызын кийинтип алып тойго жөнөгөнү жаткан, короосу тосулбаган жапыз тамдын эшигине келген аял эркекти көрүп Бегимкул утурлай басты, Камчыбектин эки аялын таанып: "Булар эмнеге келди", - деп ойлоп:

- Келгиле байбичелер, - деп учурашып калды.

- Арбагыла, - деп Күмүш Бегимкулга баш ийкеди, - Келип калдык, кыздуу үйгө жуучу, карыздууга доочу келет эмеспи?

- Туура, бирок… Түшкүлө-түшкүлө байбичелер, - Бегимкул шашыла аттарын алмак болду, Сабырбек аттан түшүп атын байлап жаткан, терезеден аларды көргөн Таттыгүлдүн жүрөгү түрсүл кагып, эки бети албырып чыкты:

- Апа, эшикке бирөөлөр келди да?

- Ким экен ботом? - дегиче аларды Бегимкул үйгө баштап кирди, Чайгүл жоолук башын оңдоп аларды тосуп алды, үйүндө колго алынаарлык эчтеке деле жок болчу, кунарсыз төөнүн көзүндөй тешиктен үй ичи караңгы тартып көзгө өтө эле суук көрүндү, эптеп дубал согуп шыбап койгон эки бөлмөлүү үйдүн ичин айландыра караган Күмүш Чайдын саламына жооп берип отуруп калды.

- Биздин келгенибиздин жөнү бул, - деп Күмүш сөз баштады, - Силерде кыз бар экен, кулдук уруп куда түшсөк дедик эле.

- Силердей аттуу-баштуу кишилер келгенде кой демек белек, - Бегимкул сакалын сылагылай жер карады, - Бирок кызыбыз жалгыз кыз, өзү кандай чечет…

- Биз кызды көрсөк болобу?

- Болот-болот, - Бегимкул аялына жүзүн бурду, - Татты үйдө беле?

- Ооба-ооба, үйдө эле.

- Чакырчы.

- Макул, - Чайгүл туруп ички бөлмөгө кирип кетип Таттыгүлдү ээрчите чыкты.

- Кел кызым, - Күмүш Арагүлгө карады, үнсүз башын саал байкабагандай ийкеп койду, анын бул белгиси "болот" дегени эле. Таттыгүл бүткөн бою титирей чай куйчу орунга отурду: "Жаман эмес, түсү ийгиден түңүлбө, - дегендей эле бар экен, акылдуу болсо болду, колунда жок болсо дагы жалгыз кызын гүлдөй кылып баккан экен бечара", - деп ойлонуп калды Арагүл. Бир саамга отуруп анан кетишти, бул жөн гана кызды көргөнү келгенин айтышып Камчыбекке кеңешмек болушту. Калдар апасына жолугуп:

- Апа, кыз жактыбы? - деди.

- Жакты уулум, акыл-эси дурус болсо болду, өң-түстү го кудай аябаган экен, - деди Арагүл ойлуу. Ошентип арадан бир ай өткөндө Арагүл келиндүү болду, калыңды жакшы эле берди, Таттыгүл суйкайган сулуу келин болду, ата-энеси анын бактылуу болушун тилеп кубанып калышты. Жыл айланбай төрөп алды, Алымкандын төрөгөн уулу бир жаштан өтүп басып калган, ал балпайып толуп-болуп келбээрсиген келин болду.

Күмүш өзүнчө мурчуң-чурчуң этип күйөөсүнө нааразы, кээде ал өзүнчө эле туйтуңдап сүйлөнүп калат, өзү тектүү жердин кызы эле, ошондуктан аларга нааразы болуп жүрдү.

- Деги адамдын кутун учурган заман келди, тектүүнүн тукуму тектүүдөн албай өзү баш болуп тексиз кызды алып куттуу качырды, - деп наалып жатканда Арагүл арытан угуп тим болду, анын ага эрегише турган жөнү жок эле, Алымкан боз үйдөн чыгып келе жатып кулагы чалып кайра уулун жетелеп кирип кетти, Камчыбек жамбаштап жаткан.

- Тегиңиз жакшыдан болгон соң тектүүнүн кызынан алсаңыз болмок, канчага басынып, кулак жапырып жүрөм? - деди кабак сала кекеткен түрү менен.

- Эмне болду Алыш? - Камчыбек баш көтөрө сурады.

- Улуу аялыңыз тексизден катын алып тукумубузду бузмак болду, - деп кейип жатат.

- Көңүл бурба Алыш, ал айта берет.

- Көрөөр көз болуп өз билгенимди жасабадым, болбосо атамдын алдына эбак түшсөңөр болмок, же тексиз кыздын буту-колун бууп зордоп алып бүлөө кылып алып, кадыры жок күңдөн бетер каадасыз алып жүргөнүңөргө жол болсун, - деп атайын күндөшүнө өчөшүп айтып калды.

- Эк Алыш, сенин өктө-зарың ичиңде экен да, болду эртең эле сенин ата-энеңдин алдына түшөбүз, каалаганыңды аткарам эркем, андан кийин келиндин ата-энесине баргыла, каада-салтты сыйлабасак болбой калбайбы? - деп Камчыбек өйдө болуп уулун өзүнө чакырды, - Кел уулум, Теңирберди уулумдун апасын таарынтсак болбой калат ээ уулум? - деп уулун эркелете алдына алды.

- Мен эмнеге таарынмак элем, жок - жарды болуп туулгандар айыптуу эместир, теңирдин алдында пенденин баары бирдей эмеспи?

- Аның туура эркем, эжеңдин сөзүнө капаланба.

- Капаланбайм, кадыр-баркымды сиз билсеңиз болду, тексиз деп, жубан деп тоготпой койгонуңузга ызаландым, - деп жылмая карап наздуу көзүн сүзө жанына отурду, - Жаштыгым сиздей адамга байланганды, өзүм теңдүүнүн коюнунда кутурбай, калтырап өтүп кетемби деп өкүнгөн кез болду, баарына баш ийип бүт тулкумду өзүңүзгө арнап, түбөлүк жарыңыз болдум, эми сиз дагы мени түшүнүңүз…

Камчыбек унчукпай калды. Эки күндөн кийин Камчыбек Дубанага киши жиберди, алар колунан келишинче камынып калды, Үмүтай ошол убакта кызына сеп бере албасын билип төшөнчү жасап, небересине бешик даярдап чогуу жеткирмек болуп жаткан, ошонун эртеси беш-алты киши болуп он чакты кой бир жылкы бир музоолуу уй кылып келип калышты. Аны менен кошо жүз теңге пул берди, кийит кечени Күмүш жапты, сойгон коюнун эти желип анан Камчыбек келгендери менен кетти, Алымкан кала берди, Темиркул жүгүрүп жүргөн, Бусурман мал курап, атасынын туугандары тарапка барып орун алып үйлөнгөнүнө аз эле болгон, уулун алып кетейин дейт, аялына батыра албай каламбы деген ойдо тим болду. Алымкан Бусурмандын үйлөнгөнүн угуп ичинен тынды: "Тагдырыбыз ушул тура, ушундан көрө аттуу-баштууларга келин болгонумда Камчыбек даай алмак эмес, Бусурмандын менден көңүлү калды, назары сынды, алдады деп ойлоду го, өз көңүлүм менен кеткендей болуп калдым ал үчүн", - деп ойлонуп ичи тызылдап жатты. Үч күндөн кийин Камчыбек жигитин жиберип Алымканды алдырып алды, андан көп өтпөй тапкан ташыганын бешик менен кошуп абысыны менен сиңдисин алып Үмүтай келип кетти. Ошентип жазмыштан кача албай мезгилдин курмандыгы болуп өмүр өтөөгө баш ийип берди. Алымкан катар-катар уул төрөдү, Күмүш ооруп төшөктө жатып калды, улуу баласы Сабырбек аны өз үйүнө алып барып карап жатканда көп жатпай эле көз жумуп кете берди. Ошол кезде элдин көчө-көчө болуп алы жетишинче там салууга киришкенин көрүп Камчыбек үч уулуна үч жерге там салдырып таштады, Алымкан болсо ага кадимкидей эр катары мамиле жасап калган. Бир күнү Камчыбек:

- Алыш, - деди ойлуу, - Мен дагы картайдым, заман өзгөрүп эл башка, дин башка болуп баратат, уулдарым али жаш, менин сага айтаар сырым бар.

- Ал эмне болгон сыр?

- Атамдан калган алтын бар, тай туяктан эле алтоо, калганы калыпка салынган, ошолорду сага тапшырам, тиги балдар болсо өз орундарын тапкан, менден өткөн бай болду, Теңирберди, Кудайберди менен Аллаберди үчөөнүн келечеги үчүн ошентем, эртедир-кечтир бул дүйнөнү таштоого, балдарымды сага аманат калтырууга туура келет, кийин кыйналбай турган болосуңар, - деди терең дем ала.

- Азырынча жаман айтпа, Теңирбердиң араң эле онго чыкпадыбы, Аллаберди алтыда. Кудайберди сегизде, али боконосу ката элек, - деди Алымкан, - Атасынын кандай адам экенин жакшылап билип калганда деле кечикпейсиз, - Жылмайып койду.

- Жаман айтпай жакшы жок деген, оору сыркоо айтып келбейт, алтымыштан ашкандан кийин пайгамбар жашы деп коет, ким билет, кандай болуп кетет, - деп ойлуу терең дем алып алды, - Сага айтаарым ошол байлыкты бекем катып ал.

- Мен андай байлыкты көтөрө алаар бекенмин?

- Көтөрөсүң, сенин акылың тунук Алыш, балдарым кийин кейип калбасын, кор кылбай турган бол, - деп ойлоно калып шуу үшкүрүп алды, түшүндө кадимкидей эле өлгөн ата-энеси менен жүргөн экен, эчтеке болбогондой бирдемелерди сүйлөшүп отурушат, бир кезде Айсулуунун карааны элес булас көрүндү, анын жүзүндө капа болуп нааразылыгы көрүнүп турат, тура калып аны көздөй жөнөгөндө ортодон Күмүш көрүндү, ал аны көздөй кулач жайып келе жатканда апасы аны колдон алды, эмне болгонун баамдабай дагы калды, ата-энеси болуп бир чоң короого кирип кетти, ал жерде жалаң аппак кийинген адамдар каалгый басып жүрөт, эч ким менен иштери жоктой, Камчыбек негедир бирөөнү издегендей аралап кетип жатты, бир кезде: "Келдиңби балам, сенин дагы кезегиң келген тура, сен эми биз менен болосуң, төргө өт", - деген үн угулду, ким айтканы эсинде жок, дароо ойгонуп кетти. Жүрөгү алаптап калган экен, келме келтирип которулуп жатып ойлонду: "Эми Алымкандын колуна тапшырышым керек, ыс-сык жан эмеспи, үлгүрө албай калбайын", - деп ойлонду да сыртка чыгып эки жакты карап: "Ээ жалган жашоо, менин дагы кезегим жеткенби", - деп өкүнүчтүү ийинден дем ала Арагүлдүн үйүн көздөй басканда ал ары жактан келе жаткан экен:

- Байбиче, токтой турчу, - деди аста.

- Эмне болду байым?

- Мен сага кеңешейин деген элем.

- Ыраспы, мага кеңеше турган кандай иш болду байым?

- Калдарга бир үйүр жылкыны бөлдүрүп, жүз кой менен беш уй ал дагы эл катарына кошулуп там салгыла, эл арасында, көчтүн карасында дегендей, бала-чакасы чоңойгуча орун очок алып калсын.

- Ма-акул байым, Калдарга айтайын.

- Ошент байбиче, мага уулум нааразы болбосун, - деп койнунан тай туяк алтынды алып чыкты, - Муну өзүң катып ал, керектүү ишиңе жумшагандай бол.

- Ыраазымын байым, - деп Арагүл койнуна катып алып ары көздөй кетип жаткан күйөөсүн телмире карап: "Буга эмне болгон, негедир куту уча түшүптүр да", - деп ойлоп үйгө кирип сандыгын ачып андагы өзүнүн жасалгаларын бир сыйра карап көрүп: "Жалгыз балам кумарпоз болду, анын балдары үчүн ушу баштан кам көрүшүм керек", - деп тай туяк алтынды ары салдыра, бери салдыра карап алып түйүнчөккө бекем ороп салды да отуруп калды. Калдар дагы эле жоро бозодон чыкпайт, кээде келбей да калчу болду, Таттыгүл эки уул бир кыз төрөп койду. Улуусу Нурсултан, экинчиси Бексултан, кызынын аты Күнсулуу эки жашта. Таттыгүл оор басырыктуу келин, күйөөсү кеч келеби, эрте келеби башы да оорубайт. Калдар дагы ага унчукпайт, балдарын эркелетип жатып уктап калат.

- Балам, - деди ошол күнү эрте келген уулуна Арагүл, - Атаң жайлоодон бир үйүр жылкыны бөлүп алсын деди, эми сен ата болдуң, балдарыңдын камын эмитен ойлон, эл катары жер ээлеп там сал, минтип жүргөнүңдү токтот.

- Макул апа, башка эчтеке бербедиби атам?

- Жүз кой, беш уй алгыла деди.

- Болду анда, эртең эле жер ээлеп там сала баштаймын.

- Ошент каралдым, мен деле картайдым.

- Сизди үлпүлдөткөн жүз сабам жүнгө жаткырам апа, келиниң экөөбүз киришели анда, - деп кубана түштү Калдар, - Атам мени энчиден куруу калтырабы деп жүрдүм эле.

- Эмнеге уулум, атаң адилет карайт баарыңарга, тигил балдарына калганы деле жетет, - деди саал күнүлөй сүйлөп, - Сен эми акыл-эс менен иш кыл, бир тууган болсо да көрө албайт, Сабырбек менен Кадырбекке атаандашпа, алардан кичүүсүң, айтканын көтөрүп сыйлай жүр, атаңар бир, укум-тукумуңар бир балам.

- Макул апа, сиз айткандай эле болсун, - деди Калдар. Алар аз күндөн кийин Камчыбектен дагы айрылып калаарын билишпеди, андан ары ар кимиси туш тарапка чачыранды болуп, бири ойдо, бири тоодо алыс-алыс жайгашып, ынтымактары ыдырап калаарын сезишпеди. Алымкан Камчыбектин алтынын ошол үйгө эле сандыгына катты, жылкыдан атасына каттырды, малдарынын баарын бөлүштүрүп Сабырбек менен Кадырбекти чакыртып алды, анткени жайлаган жайлоосун, кышында турчу кыштоосун аларга бөлүп бермек, алардын арасында Калдар да бар, кызын чакырып ага дагы үлүш бермек болду. Ошентип ал көзүнүн тирүүсүндө калыстык менен баарын жайгарды. Сабырбек эң улуусу, ал ойлуу атасына кайрылды.

- Ата, эмнеге эле бөлүштүрүп жатасыз, бирдеме болдубу?

- Не болсун балдарым, жаман айтпай жакшы жок, жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок деген, заман башкача болуп баратат, милийса дегени чыкты, ортого мал алат имиш, менин дагы атым аталса эмне болот ким билет, өкмөтүнө дагы бир аз мал өткөрүп коеюн, - деди Камчыбек терең дем ала, - Силер эптеп эл менен бирге болгула, эл мазар, элден чыккан азар дейт балдарым…

- Ата, анчалык эле мүңкүрөй бербеңиз, көп катары болобуз, биз деле элден чыкпайбыз, - дешти балдары, ошол күнү аларды көпкө кармады, кетиргисе келбеди, чиркин десеңчи, келээриңде дүнүйө жаңы аткан таңдайсың, кетээриңде дүнүйө куурап калган талдайсың, - дегендей уулдарын астыртан кыдырата карап, аялдарын карап оор күрсүнүп алды, бир нерсени сезгендей алар дагы ашыкча сөз сүйлөй албай отуруп тамак желгенден кийин коштошуп жөнөштү. Чыгып баратып кайрыла карап коштошуп жаткандай ар бирин көз жанарын күлмүңдөтө мээрим төгө карап турганын көрүп Сабырбек кайрылып келди:

- Бирдеме дегиңиз келеби ата?

- Жок балам, тынч үйүңөргө бара бергиле.

- Мейли жакшы жаттыңыз, - деди да: "Эмнеге көздөрү бир нерсе айтчудай болуп жатат, же ооруп турабы, эмнеге ачык айтпайт", - деп ойлонуп жолуна түштү. Камчыбек алар кеткенден кийин даарат алып узакка макил намазын окуду, анан төшөгүнө кыңкайды. Алымкан эч нерседен шек албай уулун кучактап жатып алган. Таңга маал бир нерсенин дабышынан улам Алымкан ойнонуп кетти, Камчыбек ордунда жок экен: "Кайда кетип калды", - деп кайра уктап кетти, ошол бойдон кеч ойгонду, Камчыбек чалкасынан жаткан бойдон уктап жаткандай эле, Алымкан сыртка чыгып келип чай коюп, анан өз иши менен жүрө берди, ошол кезде бирөө келип:

- Камчыбек байды чакырып жатат, - деди.

- Ким?

- Колхоз, совхоздорго чогулуш болот экен.

- Айтып коем азыр, - деп ичке кирсе дале баягы бойдон жатыптыр, - Туруңуз, сизди чакырып жатыптыр, - десе козголбоду, эңкейип түртсө селейип катып калыптыр, жүрөгү болк эте чоочуп кетти, өлүк көрбөгөнгө алаңдай сыртка чыкты, ары жакта атын баккан жигит жүргөн экен, аны чакырды эле ал кирип эле:

- Эже, бай узап кеткен го? - деди корккондой.

- Эмне, каякка узайт? - Алымкан түшүнбөй кайра сурады.

- Тиги жакка, мен балдарын чакырайын, - деп шашыла чыгып кетти, Алымкан не кылаарын билбей баласын алып ыйлап кирди, баары чогулуп келип өкүрүп-бакырып калышты, ошентип Камчыбек дагы оо дүйнө салды. Алымканды балдары сүйбөй өздөрү билип коюп жатты, эл көп келип ызаат-сый менен жерге беришти. Элүү күндүгүнө чейин эле балдары атасынын малынын калганын бөлүштүрүп кирди, Алымкандын балдарына берген жок, ал да унчукпай мисирейди. Үй ичиндеги буюмдарын дагы талаша баштаганда Алымкан үйүн көчүрүп ата-энесиникине кетип калды. Ошентип үч бала менен жесир калып, күйөөсүнөн калган үйдү тигип алып салынган тамын бүтүрүп кирип алды. Дубана ага жардам берип каралап турат, эчтекеден кеми жок дечи, бирок Камчыбектин балдарынан чоочулап жүрдү. Калдарга жер бербей чырдашып ал тагалары тарапка көчүп кетип калды. Ошентип айыл ичинде ушак айыңдар жүрүп жатты, Теңирберди он бирде, аны көп ойнотпой карап турат, кокус кылып коебу деп коркот. Арадан дагы бир жыл өткөндө Сабырбек ага келди, кара көк болуп ачууланып алган:

- Келипсиз, үйгө кириңиз, - деди Алымкан сыпаа.

- Кирбейм, атамдын атына шек келтирип, төшөгүн булгап кепке калтырат экенсиң менден жакшылык күтпө! - деди ал сурдана.

- Эмне деген шек келтирипмин? - деди Алымкан ага тике карап.

- Жап оозуңду, ушул эшиктен эркектин караанын көрсөм өзүм өлтүрөм, жайдак атка сүйрөтүп өлтүрөмүн! - деди Сабырбек колун кезей…

- Менин эшигимден ким кирип чыгаарды силерден сурабайм!

- Эмне-е? - Сабырбектин ачуусу келгенинен жүзү кара көк болуп жинденип келинди жаакка чаап жиберди, - Унутпа, сен Камчыбектин токолу экениңди, - деди да артына кайрылып кетти, Алымкан жаагын сыйпалаган бойдон көзүнүн жашын төгүп турганда Теңирберди чыга калды.

- Апа эмне болду?

- Эчтеке болгон жок балам, кир үйгө.

- Бирөө келгендей болду го?

- Жөн эле, киши менен кишибиз да, - деп ойлуу уулун алдыга алып жонунан таптады, - Сен эчтекеге көңүл бурба балам.

- Жок, сени капа кылган адамды мен кечире албайм, ким экенин билишим керек, жашырба апа, - деп курчтук кыла апасын суроолуу карады.

- Мени эч ким капа кыла албайт балам, сенин боконоң ката элек, али жашсың, кези келгенде түшүнөсүң балам, инилериңди кара, мен таятаңдыкына барып келейин, - деп кийинип жөнөдү, ал келгенде Темиркул сыртта жүргөн.

- Апа, Алымкан эжем келди! - деп ичкери карай үн салды.

- Темике кандай, атаңдар жакшы жатабы? - Алымкан Темиркулду өөп үйдү көздөй басканда Үмүтай чыга калды, Темиркул кол аякка жарап Дубананын колунан ишин алып калган.

- Кел, эмне болду кызым?

- Келдим апа, жайчылык эле.

- Ошондой эле болсун, - Эне-бала ээрчише ичке киришти, отуруп орун алгандан кийин, - Балдарың чоңоюп жатабы? - деди.

- Шүгүр апа, мени кыйнаган башка нерсе, Камчыбектин балдары мага каткан байлыгын таштаганын билсе соо койбойт, чогуу эле жер которуп кетип калалы, биерде тура албайбыз го? - деди үнүн аста чыгарып Алымкан.

- Ботом кайда барабыз анан? - Эне кызын үрпөйө карады.

- Кайда болсо дагы кетиш керек, болбосо балдарды алып өзүм кетейин, - деди апасына жалдырай.

- Атаң келсе кеңешели кызым, кайда барасың, кайда жашайсың, аны атаң чечээр, - деди Үмүтай санааркай: "Курган кызым ай, мынчалык неге тагдырың татаал болду", - деп жүрөгү сыздай телмире отуруп калганда Дубана келип калды:

- Кел Алымкан, качан келдиң кызым?

- Эми эле келди.

- Балдар чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, - Алымкан апасына көз жиберди, анын тезирээк айт деген белгиси эле.

- Атасы, кеңеше турган иш бар…

- Кандай? - Дубана кызы менен аялын суроолуу карады.

- Алымканга Сабырбектер тынчтык бербей жатыптыр, - деп Үмүтай укканын айтып берди.

- Кандай кылабыз анда? - Дубана саал ойлоно калды да, - Мен бир жерге барып келейин, сен үйүңө барып балдарыңды карай бер, - деп дароо туруп кетти, алар Алымкандын аркасы менен бир топ ирденип калышкан. Эки күндөн кийин Дубана түндөп Алымканды көчүрүп кетти, көп өтпөй өздөрү дагы изин суутту, аларды Бусурман келип таппай калды: "Булар менден баламды ала качкан экен", - деп ойлонуп кайра кетип калды. Сабырбек менен Кадырбек бири-бири менен атасынан калган байлыкты көрүп кырчылдаша баштады. Анткени Күмүш өлөөрүнөн бир аз мурунураак аларга алтын жөнүндө айтып келип:

- Балдарым, атаңда тай туяк алтындары бар, силерге дагы бөлүшөөр, асты Калдардын колуна тийбесин, - деген эле.

- Кантип апа, бизге бербейби? - деди айрыкча байлыкка жакын Сабырбек, Кадырбек анчалык эмес эле.

- Бир берсе Дөөлөткө же Алымканга берет.

- Эмнеге, биз анын балдарыбыз го?

- Жо-ок, силерден көрө аларды жакшы көрөт.

- Андай болсо Калдардын терисин сыйрыйм, - деп Сабырбек муштумун түйүп ызырынып калган. Ошондон кийин эси дарты ошол алтындарда болуп агасын аңдып жүрдү: "Балким буга бергендир, эмнеге зымпыят, акырын катып алып билмексен болуп жүргөндүр", - деген ойдо бир күнү анын үйүнө барды.

- Аке, атам өлөөрүндө эчтеке деген жокпу?

- Эмне демек эле, чогуу болдук го?

- Балким байлыгынан калтыргандыр? - деп кытмыр жылмайды, - Мага караганда сени жакшыраак көрчү эле го?

- Андай сөз чыккан жок, айтабы десем эчтеке айтпады.

- Анда Калдардан барып билиш керек, - деп дароо ордунан турду да атын жулкунта чаап кетти, Арагүл алтын буюмдары менен кошуп тай туяк алтынды жашаган үйүнүн төрүнөн чуңкур казып эбак эле көмүп койгон, ал ушундай болоорун сезген эле. Түн ортосунда эшигин катуу каккылаганынан чыга калып Сабырбекти көрүп чоочуп кетти.

- Кел, кел балам, жарым түндө кайдан бу?

- Силерди көргүм келди, - деп кыжырлуу күлүп Арагүлгө карабай ичкери кирди, - Калдар кайда?

- Алар уктап жатат балам, айтсаңчы үрөйдү учурбай.

- Атамдын болгон байлыгына ээ болуп жаткан экенсиңер да чардап?

- Балам, сени Калдардан качан кем көрдүм, апа деген сөзүң жок, душманыңдын үйүнө киргенсип кекетип мокотконуң эмнең? - деп Арагүл ага нааразы боло сүйлөдү.

- Апа, сен менин апамсыңбы, эгерде балаңдай көрсөң болгон байлыкты, тай туяк алтынды алып качпай тең көрөт элең го? - деп көзүн чакырайта карады, - Кана, алтынды кайда каттыңар?

- Кандай алтын, мен эчтеке билбейм! - Ошол кезде Калдар чыга калды:

- Апа, аке силерге эмне болду?

- Кайдан билем, алтын эле дейт, түшүнбөй калдым.

- Мени билбейт дебей тапкыла алтынды!

- Аке, эмне деген алтын ал? - Калдар чынын билбей ормойду. Сабырбек аларга ого бетер жини келип үй ичин чачып, сандыгын тээп сындырып ичинен эчтеке таппады, Арагүл менен Калдар үн катпай тура берди, ого бетер ачуусу келген Сабырбек Арагүлдү карыдан алды:

- Кайда каттың мастан, алтынды таап бербесең энең экөөңдү тең өлтүрөм!

- Бей күнөө адамды өлтүрүп жарып кетсең өзүң бил, байлыкты өз атаң берип кетпесе мен кайдан табам? - Көзүн чоң ача ачуулуу анын колун силкип жиберди, - Атаңдан барып сура!

- Эмнэ-э, тиги дүйнөдөн сурайынбы, сени жиберейин сурап кел! - деп түртүп ийгенде ал дубалга башы тийип эси ооп калды, ошондо жини келген Калдар Сабырбекти жакадан алды:

- Эгерде атаңдын малынан башка дагы байлыгы бар экенин билгенимде мындай чуу чыгармак эмесмин, баарыңды каратып туруп пайдаланмакмын, өзү барында тартып алмакмын, экинчи менин апама келип алтын дегениңди уксам сени өз колум менен жайлайм, эми карааныңды жогот бул жерден! - деп катуу түртүп ийгенде Сабырбек андан тайсалдай акшыя карап чыгып кетти. Калдар апасына жетип өйдө кыла койсо чекесинен шүүшүн кан агып калыптыр, араң көзүн ачып:

- Кеттиби? - деди.

- Коркпо апа, экинчи келе турган болсо өлүгүн үйүнө өз атына артып туруп жөнөтөмүн.

- Кой балам, бир туугансыңар, каныңар бирге, - деп өйдө болуп отурду да шуу үшкүрүп алды, - Сабырбектин ач көз экенин атаң дагы билчү, сенин байлыкка кызыкпасыңды дагы билген, - Арагүл тунжурай отуруп калып анан Калдарды карады, - Эшикти карап келчи, кеттиби тиги?

- Кетти да, моюнун бурап коеюн дедим эле, элден уялдым, - деп Калдар сыртты абайлай карап кайра кирди, - Ал эбак кетиптир апа.

- Отур, балдар менен Таттыгүлдүн үйдө болбогону дурус болду, менин сага айтаарым бар.

- Эмнени ойлоно калдың апа?

- Эчтеме, менде атаң өзү берген тай туяк алтындар менен шуру мончоктор бар, сен балдарың менен кайнатаңдыкында туруптур, мен бир жакка барып келем, - деди.

- Эмне кыласың аларды?

- Сенин, неберелеримдин эртеңкиси үчүн керек балам, биротоло анжиянга көчүп кете тургандай бололу, - деди шыбырай, - Булар эми бизге тынчтык беришпейт.

- Апа, көчпөй эле койсокчу?

- Болбойт балам, ошол жакта менин таежем бар, күйөөсү соодагер, ошого барып орун-очок таап анан келейин, сен эртең атты токуп, ага жем даярда, мен эрте чыгайын, - деп Арагүл сөзүн бүтүрдү, Калдар унчукпай калды, Арагүл: "Алтындын азгырыгы жаман, көрсөтпөйүн буга", - деген ойдо турду. Эртеси семиз атты булкунта минип Арагүл жолго чыкты…

Сырга күйөөсү өлгөндөн кийин эки баласы менен аса-кайгы тартып отуруп калды кайнене кайнатасы анын көзүн карап, неберелерине жалынып-жалбарып турат. Ишенаалы жоош момун жигит болчу. Атасы Акматбектин жеринен бардар, жакшы турушчу, апасы Мөөркан абдан билгич, акыл-эстүү аял. Орто жашап калган, эң кенжеси Ишенаалыны капысынан эле бирөө өлтүрүп кетти, ың-жыңы чыкпай милицияларга бара берип тажагандай дагы болушту. Жыл маалы болгондо Сырганын карасын алышты. Ата-энеси аны үйүнө алып кетээрде балдарын алмак-салмак өпкүлөп ыйлап жатты.

- Балам, - деди Акматбек, - Балдардан кам санаба, эгер келип көрүп турам десең эшигибиз ачык, өзүңдүн үйүң, - деди үнү каргылдана.

- Ооба айланайын, келип кетип тур, балдарды көргүң келгенде келип тур, - деп Мөөркан дагы көз жашын аарчыды.

- Жакшы туруңуздар! - деп солкулдаган бойдон жөнөдү Сырга. Ал ата-энесиникине келгенден көп өтпөй эле Курсант деген неме акидей асылып туруп алды, анын ким экенин, кай жерликтигин эч ким билбейт, бир күнү капысынан пайда болду да ошол бойдон сүйөм-күйөм деп илээшип алды, бир күнү кечке маал коңшунун баласынан кат берип ийиптир. Сырга ачып окуп көрсө: "Сырга, мен сени бир көргөндө эле эсимден тана сүйүп калдым, демек менин тагдырым сенин колуңда. Өмүрүм өткөнчө сени кадырлап сүйүп өтүүгө даярмын, мени бул оорудан сен гана сактай аласың, болбосо зил оорусунан өлөөрмүн. Эгерде макул десең ага-жеңемди алып келейин, жуучуга келишсин, - деп сенден саргара жооп күтүп сени сүйгөн, сен деп бүт өмүрүн азапка салууга даяр болгон Курсант", - деп жазыптыр. Сырганын ата-энесинин дагы колу жука адамдар эле, кызы күйөөгө тийгенде Сүйүнбайдын короосуна кой, уй, жылкы байланып калган. Балдары көп болгондуктан алардын кем карчына жаратып өстүрө алган жок. Сүйүнбай менен Малийке кара-жанын карч уруп совхоздо иштешет, бири пол жууса бири кароол. Күндүзү үйдө жалгыз болгондуктан балдарына барып келгиси келип турган эле, ошол кезде катты алып коңшу бала келип калганынан сыртка чыкты, ошондо Сырга жыйырма бештердеги болуп толуп турган кези эле.

- Кандай Сырга? - деп аны көрүп эле Курсант жылмая.

- Жакшы, сен эмнеге келдиң?

- Сырга, мен сени сүйөм.

- Сен мени түшүн Курсант, менин эки балам бар.

- Билем, атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар деген эмеспи, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйүп калдым, - деп Курсант кыз алдында шөмтүрөй, мугалимдин алдындагы күнөөлүү окуучудай болуп турду, - Ишен Сырга, мен сени сүйөм!

- Жок, менин жүрөгүмдө күйөөмдөн башка эч ким болушу мүмкүн эмес, убара болбо, - деп Сырга ага кесе айтты.

- Сырга мага түшүнсөң боло, сенсиз мен жашай албайм.

- Өжөрлөнбө, мен эри өлгөн жесир аялмын, күйөөнү ойлогонго оюм да жок, ушунчаңда кетип кал, атамдар көрүшсө уят, сен өзүңө теңдүүнү издеп тап, үмүтүңдү үз! - деп үйүнө кирип кетти, Курсант көпкө туруп анан кетип калды. Курсант Кадырбектин небереси эле, Сабырбек менен атасынан катылган байлык жөнүндө угуп иликтеп жүрүп, Теңирбердинин баласы Акматбекти таап, акырындап сыртынан акмалап жүрүп Ишенаалы менен таанышкан. Бирок өзүнүн ким экенин айтпай жолугушуп тааныш болуп жүрүп анын бир мекемеде бухгалтер болуп иштегенин, эки баласы бар экенин билди. Алымкандын баласы Теңирбердинин алтымыш беш жашка келип улгайып калган кези эле. Акматбек элүүлөргө барып калган көгала сакал адам.

- Чоң аталуу экенсиң, бактылуусуңбу? - деди бир күнү Курсант Ишенаалыны сынай карап.

- Ооба, атам түбүнөн байдын баласы болгон экен, чоң атамдын апасы жакында эле сексен төрт жашка чыгып той бердик, чо-оң энебиз да, - деп Ишенаалы күлүп койду.

- Чоң атаңда катылган байлык бар экен да?

- Анысын билбейм, бирок абдан жакшы турабыз, кантсе дагы байдын тукумубуз да, - Ишенаалы күлүп койду.

- Чоң атаңдын бир туугандары болгонбу?

- Эки иниси бар, алар андан жакшы турат, балдары сотто иштешет, кыздары дагы кызматта.

- Эң улуусу бекен чоң атаң?

- Ал жөнүндө эмнеге такып калдың?

- Деги айтам да, каалабасаң атпай эле кой, - Курсант күлүп койду.

- Чынын айтсам чоң атамды абдан жакшы көрөм, мен окуп жүргөндө канча сурасам берчү, жок деген күнү болгон жок, бир жолу алтын жөнүндө айтып берген, чоң энебиз аябай сарамжал киши болгон экен, - деп Ишенаалы мактанып кирди.

- Көргөздүбү анан?

- Ооба, эң акыркысы деп эжем менен апама тиш салдырып беришкен, ошондо менин эки тишимди дагы каптатып алгам.

- Укмуш, - деп Курсант ойлонуп калды.

- Биздин үйгө барбайсыңбы, дос бололу.

- Жан дилим менен барат элем, бирок менин айылга баруум керек, кийин дагы жолугаарбыз, - деп Курсант ордунан турду да атасына жолугууга жөнөдү. Кадырбектин көзү өтүп кеткен, баласы Курманбек сексенге барып калган, Курсант эң кенжеси уулу, үйлөнүп төрт балалуу болуп калган, чоң атасы менен Сабырбектин атасына өлгүчө нааразы болуп, каткан байлыгын токолуна таштаганын уккан. Ошол күнү кечинде жетип эле атасына минтти:

- Ата, Теңирберди иниңизди таптым, чириген бай экен, балдары кызматчы, Кудайбердиси менен Аллабердисинин балдары сотто, дагы бири чоң кызматта иштешет экен, - деди эмне дээр экен деп.

- Аа-а жакшы экен, биз дагы Камчыбектин неберелерибиз, алар дагы, ошондуктан табышып, катташып алуубуз керек, сен Сагындыкты чакырып келчи, кеңешели, - деди Курманбек. Сагындык Сабырбектин үчүнчү небереси, Сабырбек дагы он жылдай мурун өтүп кеткен, Сагындык кырктардагы жигит.

- Макул, - деп ыргылжың боло жөнөдү, көп өтпөй эле Сагындек келип калды, ал отургандан кийин:

- Эмне болду аке, кандай жаңылык бар? - деп агасына кайрылды.

- Сен дагы билесиң, биз үч аялданбыз, улуусунан биздин атабыз, экинчи аялдан бир кыз, бир уул, үчүнчүсүнөн үч уул экен, алар өз энелери менен кетишкен, ошол бойдон катышпай калышкан экен, Курсант Теңирбердинин дайынын билип келиптир, түбүбүз бир, бир атадан тараганбыз, катышып алсак кандай болот.

- Аке, атам аларды өлгүчө жек көрүп өттү, чоң атабыз өз балдарына малдан башка таштабаптыр, анан ошолор менен биз бир тууган болобузбу?

- Болуш керек, аларда не күнөө, ошол кезде мен дагы жаш элем, Теңирберди менден дагы жаш болчу, - деди Курманбек сакалын сылай.

- Ата, Сагындык акем туура айтат, эмнеге биз аларга барышыбыз керек, алар өздөрү бизге келсин, - деди Курсант, - Өздөрү качып жүрсө туугандан айлансын!

- Кой балам, антип айтканың болбойт, ата арбакка жат болбойлу, арбак ыраазы болбой тирүүнүн иши оңолбойт, - деп Курманбек ойлуу уулу менен инисин карады, - Ансыз дагы чачырадык, ынтымак болбой өз уруубузду ар жакка тентиреттик, Калдар деген агабыз менен эжебиз тагаларына кеткен бойдон дайынсыз, эмдигиче ал деле жоктур, балдары барбы иликтеп көрүш керек эле, эгерде мен атамдардын ордунда болгонумда бирин дагы кетирбей өзүбүзчө бир айыл болмокпуз, Камчыбектин айылы деп айтылып калмак, - деп үшкүрүп алды. Сагындык менен Курсант унчукпай калышты. Эртеси эле шаарга кеткен Курсант эки күндөн кийин Ишенаалыга жолукмак болуп аны телефондон чакырды да жолугуп волгасына отургузуп алып жөнөп кетти, жанында Сагындык дагы бар эле, үчөө көпкө отуруп сүйлөшүшкөн соң:

- Сенин чоң атаңда алтын бар, ошону алып келбесең өлтүрөмүн, - деди Сагындык, - Курсант бул сөздү укпасын.

- Кайдагы алтын, кандайча менин чоң атамда болушу мүмкүн? - деди Ишенаалы ага ачуусу келе тиреле калып.

- Менин, чоң атамдан калган байлык дал ошондо экен, - деп тумшукка бир коюп, ал жыгылып кеткенде колдорун таңып машинасына салды, оозун чүпөрөк менен таңып, - Кайда барабыз? - деп сурап алды, - Азыр сенин чоң атаңа барабыз, - деген Сагындык рулга отуруп айдап жөнөдү, түн жамынып Теңирбердинин үйүнө жетишти, аны чакырып чыгып, - Атаңдын токолуна берген байлыктын канчасын короттуң, алып чык! - деп жакадан алды.

- Сен кимсиң, кайдагы алтын?

- Көп сөздү кой, менин ким экениме кызыккандан көрө укум-тукумуңдун аман калышын ойло!

- Эч кандай алтын көргөн эмесмин.

- Жаныңды жебе!

- Өлөөрүм калды, не кылсаң ошо кыл, бирок эч кандай алтын жөнүндө уккан эмесмин, - деп Теңирберди тарамыштуу колдору менен мойнундагы колдорун бошотконго аракет кылып жатты.

- Сен эле эмес тукум-курут кылам.

- Түрмөдө чиригиң келсе тийип көр.

- Токол энең силерге алтынды көргөзгөн эмеспи ыя, кайдан мындай байып кеттиң? - деп муунтуп жатканда үйүнөн эки эркек чыга калганда Сагындык Теңирберди кое берип качып кетти, машинанын багажында оозу, буту-колу таңылып жаткан Ишенаалы дем жетпей думугуп эбак эле бу дүйнө менен кош айтышкан, аны коркутмак болгон Сагындык ээн жерге келип токтоду дагы багажын ачып:

- Эй, тур үйүңө жөнө, мени мындан ары көрбөйсүң, сени бошотом, - деди эле кыймылга келбегенинен түртүп ийип чоочуп кетти, - Эй тирүүсүңбү? - деди эле дагы эле козголбоду. Акыры анын өлүп калганын билгенде коркуп кетип аны ошол жол боюна эле түшүрдү да шашыла машинасын айдап жүрүп кетти. Эртеси Ишенаалыны таңылган бойдон өлүп жаткан жеринен табышты, иликтеп көрүштү, бирок илинчек таппады. Ишенаалынын өлгөнүн уккан Курсант көпкө чейин көрүнбөй кетип анан бир жылдан кийин гана Сыргага жолугуп жүргөн эле, эми Сырга укпай кирип кеткенде: "Акыры колума түшөсүң, сен аркылуу көздөгөнүмө жетем", - деп ойлонуп артына бурулду. Курсант анын артынан жүрүп, каалаганын алып берип, көңүлүнө жаккыдай эле болду. Сырга кайненесине балдарын таштап коюп соодага киришти, бул бир миң тогуз жүз токсон алтынчы жылдар болчу. Күндө Курсант экөө жолугушуп, келечек жөнүндө сүйлөшөт, үй-бүлөөсү туруп бойдокмун деп калпты айтып, өзү иштеп жаткан.

- Сырга, менин убалым деле бар го, боор ооруп койсоң болбойбу, сен деп саргайып жүрүп өмүрүмдүн кызык кезин өткөрүп жибербейин, - деди бир жолку кезигүүсүндө.

- Курсант, мага капа болбо, менин жүрөгүмдө жалгыз гана күйөөм жашайт, мен аны башкага алмаштыра албайм, сен мени кыйнаба.

- Бир өмүрдү эбак өтүп кеткен адам үчүн курмандыкка чалгың барбы, мен сен деп гана кеч киргизип, таңды тосуп алчу болдум, коркпо балдарыңа өз атасындай болуп берем, өз баламдай карайм, кааласаң кайнатаңдарга чогуу барып турабыз, - деп жанын сабап калп айтып, ата-энем жок деп жатты.

- Мен сага турмушка чыга албайм, күйөөмдүн элеси ар дайым көз алдымда, кантип сени менен жашап кете алам?

- Ата-энемдин жогунан чанып жатасың го?

- Андай эмес Курсант, сен мени түшүн.

- Жок, мен сенсиз бул өмүрдө рахаттанып жашай албайм, сенин макулдугуңду алмайын кетпейм, - деп Сырганы имере кучактап жүзүнөн өөп алды:

- Жинди! - деп Сырганын ачуусу келип кетти, - Адепсиз десе, бул эмне кылганың?

- Сени сүйөм Сырга.

- Жалган, сүйгөн киши мындай кылбайт.

- Кечирчи Сырга, - деп өзүн күнөөлүү сезип кечирим сурап жатты.

- Экинчи менин жолумдан чыкчу болбо, мен сени сүйбөйм, жадагалса өзүмдү дагы жек көрөм! - деп басып кетмек болду эле кармап калды.

- Менин көзүмө тике карачы, кантип эле жүрөгүңдөн мен үчүн бармак басым жылуулук сезилбесин, неге мени сүйө албайсың, же мен аял сүйүүсүнө арзыбаган жанмынбы?

- Андай эмес, - Сырга көзүн андан ала качты, тике карай албады, чынында ал деле жактырып калган, бирок ал Курсантка ишенбей турган, капысынан бир көргөндө эле сүйөм деп акидей асылган эркекке ал деле ишене алмак эмес, бирок аз-аздап көңүлүн ага буруп бараткан эле.

- Сырга, кана мага карачы, чыны менен эле менде көңүлүң такыр жокпу? - Курсант демите баштады.

- Курсант, мени кыйнай бербечи, бир аз ойлонуп көрөйүн.

- Ойлонуунун эмне кереги бар, мен сени сүйөм, сен дагы мага көңүл кош эмессиң, акырындап баары ордуна келет, сен тек макулдугуңду бер макулбу? - Курсант келинди өзүнө каратып, ээгинен өйдө көтөрдү, - Кана макул деп койчу, оозуңдан бир сөз чыкса эртең эле нике кыйдырып алалы.

- Шашпа, - деп Сырга Курсанттын колун акырын гана түртүп койду, - Мен азыр даяр эмесмин, анчалык эрте никелешели деп кыйнаба, негедир көңүлүм келбей турат.

- Койчу эми, убакытты созгондо эмне, сени ойлоп тынчым кетип уйкум качат, жанымды коеорго жер таппай сени башка бирөөгө алдырып ийемби деп корком, - деп келинге жагаар сөз айтып көңүлүн бурууга аракет кылып жатты.

- Курсант, турмуш куруу оңой эмес, терең ойлонуп чечиш керек, жети өлчөп бир кес дегендей жаңылышпас үчүн көп ойлонуубуз керек.

- Сен эмнеге тартынып жатасың билбейм, мен баарын ойлонуп койгонмун, - деди Курсант таарынган түр көрсөтүп.

- Мен даяр эмесмин, мен кетишим керек, дагы жолугушаарбыз, - Сырга андан көзүн албай жооп күтүп калды.

- Экөөбүз тең акыл токтотуп калдык, ойлонуунун эмне кереги бар, андан көрө эртерээк эле кошулсак болот эле, үйгө барсам кайра эле сени көргүм келет.

- Болуптур, эртеңге чейин.

- Эртең оюңду айтасыңбы?

- Ооба.

- Жа-аным десе, анда эртеңге чейин, - деп Курсант аны эки бетинен өөп-өөп алды, - Тезирээк эле жаныңда болсом экен, кандай бактылуу болот элем.

- Жакшы бар, - деп Сырга андан бөлүнө өз жолуна түштү, Курсант эми мындан аркы кылаар ишин пландаштырууга өттү, анын үйлөнгөнүн тууган уругу менен аялы, кайын-журту билбеши керектигин ойлонуп иштеген жеринен бир жолдош баласына сыр кылып айтты. Эч кимиси жок экенин, үйлөнсө ким тосуп алаарын түшүндүрө капаланып айтты эле ал макул болду. Бир жумадан кийин Сырга макулдугун берди, Курсант ага:

- Сырга, мен ушундай бактылуумун дейсиң, кантип айтып түшүндүрөөрүмдү да билбей турам, - Саал ойлоно түшүп, - Менин ушул бактылуу күнүмдө ата-энем менен бир туугандарым болсо кандай жакшы эле, - деп жер карап калганда Сырга:

- Капаланбачы, ата-энени ким эле кармап жүрө алат, мезгили келсе биз да өтөбүз, жашоо мыйзамы ушундай, - деп жубатып жатты. Экөө мечитке барып нике кыйдырды, Курсант анын ата-энесине барып ачык айтып келди, эми жашаганга үй керек болуп батирге киришти. Сүйүнбай менен Малийке кызын бактылуу болсун дегенден башка эч нерсе дей алышпады. Сырга балдарына барып келүүнү ойлоп Курсантка айтты эле ал:

- Албетте, мен деле бирге барам, балдарды өзүмө көндүрүш керек да, - деди шыпылдай.

- Сен азырынча барбай эле кое турчу, кайнатамдар дагы эмне деп ойлошот, ушу барышта чоң кайнатамдын батасын алып келейин, - деди Сырга моюн толгой.

- Жо-ок, мынча болгондон кийин ачык болушу керек, сен экөөбүз барып батасын алганыбыз оң, таттуу-паттуу алып алалы, кийит-кече алып батасын алабыз.

- Курсант, эртелик кылат го?

- Эмнеге жаным, баары өз убагында болгону жакшы эмеспи?

- Баары бир азыр кое туруш керек.

- Макул, өзүң барып кел, кийинкиде сөзсүз экөөбүз бирге барабыз жарайбы? - деп келинди кучагына кысып өөп койду.

- Жарайт, сен айткандай болсун.

- Балдарды мен үчүн өөп кой ээ?

- Ма-акул, - Сырга кийинип алып айылга жөнөдү, анын түшкөн таксинин артынан Курсант жөнөдү. Сырга кайнатасынкына келип эки баласына алып келген кийимдерин кийгизип, татууларын берип, кайната-кайненесине дагы алып келгендерин бергенде:

- Тим койсоң болбойбу балам, баары эле турат, - деди Мөөркан.

- Кудай жалгасын балам, бактылуу бол, - Акматбек дагы чын дилинен алкап жатты, Сырга өзүнөн-өзү кысынып бир сөз айтууга аракеттенсе да даай албады, эртеси аны Мөөркандын иниси үйүнө чакырып конок кылмак болуп күйпөлөктөп жатып сыртка чыккан, ал чыгаары менен эле улуу баласы Жумаш кирип келди, анын дагы жакында аялы өлүп үч баласы менен калган. Мөөркан менен иниси кеңешип Сырганы башкага кетирбей эле келин кылып алмак болушкан.

- Кандай Сырга, жакшы жүрөсүңбү? - деп Жумаш жакшы учурашты, Жумаш Ишенаалыдан беш-алты жаш улуу эле.

- Жакшы тага, өзүңүздөр…

- Биз деле жакшы, эми кыйын экен да.

- Айла жок, көнбөгөндө кантебиз?

- Ошо да, Сырга мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деп түз эле сөздү баштамак болду Жумаш. Алар антип сүйлөшүп отурганда Курсант терезелери капкара машинада отуруп Акматбектин үйүн акмалап турду, ээрчишкен эки бала, Ишенаалынын балдары Кайрат менен Марат сыртка чыгып балдар менен ойноп киришти, бири он, бири жети жашар эле. Ошол убакта Кайрат короого жүгүрүп кирип кетти, Марат анын артынан жөнөгөндө машинадан бирөө түшүп аны чакырды эле ал жалт карай берип жүгүрүп келди.

- Эмнеге чакырдыңыз? - деди эдирээ.

- Атаң кайда?

- Атам өлүп калган.

- Апаңчы?

- Ал конокко кетти.

- Балмуздак жейсиңби?

- Ооба жейм.

- Кел отур.

- Сиз кимсиз?

- Мен силердин тууганыңар болом, отур тиги дүкөндөн балмуздак алып берем, - деди эле эчтекеден шектенбеген бала түшүп арткы орунга отурду. Курсант жанына отурган балага бет аарчыны узатты:

- Жигит, мурунду аарчып алчы, азамат экенсиң.

- Мен кыйынмын да, Кайрат акемди күрөшүп жыгып коем, - деген Марат бет аарчы менен мурдун аарчып жатып эле ээсинен танды.

- Айда кеттик! - деди Курсант айдоочуга, ошентип жаңы күүгүм кирип келе жатканда алар баланы алып жөнөп кетишти, Сырга эч нерседен капарсыз Жумашка эмне дээрин билбей отурган, Мөөркан дагы инисиникинде болчу, алар Сырганы эптеп көндүрүп Жумашка алып беришмек, күндө ойноп жүрө берчү балдардын бирин жоголуп кетет деп эч кимисинин оюна да келбеген эле.

- Балам, - деди Мөөркан, - Илгертен эле жакшыны жатка чыгарба деген кеп бар, өзүбүздүн бүлөөбүз элең, эми өзүбүздө эле кал, балдар дагы жаныңда болот.

- Апа, мени кыйын абалга калтырдыңыздар, азыр мен турмушка чыкканга оюм дагы жок эле, балдар чоңойсо окутушум керек, - деп жер карады.

- Ошо балдарды чоңойтконго биз турабыз балам, сага биз жүк кылып таштап коймок белек, сени балдардын кашында болсун дегенибиз эмеспи, - деп Мөөркан өзү келинин көндүрмөк болуп жатты. Сырга күйөөгө тийип алганмын деп айта албай кыйналды, бирок ойлонуп отуруп эптеп кетмек болду, ордунан туруп сыртка чыкты, Мөөркан менен Жумаштын апасы Гүлай кошо чыгышты.

- Мен ойлонуп көрөйүн апа, ишим бар, терең ойлонуп чечпесе кыйын го?

- Жумашты жакшы билесиң балам, кой оозунан чөп албаган момун бала, аялынан ажырап чөгүп жүрөт, бири-бириңди билесиң, - деп Гүлай бир жагынан чыкты, Мөөркан менен Сырга үйүн көздөй келе жатканда Кайрат алдынан чыкты:

- Марат жок апа.

- Эмнеге, каякка кетмек эле?

- Билбейм.

- Жанында жок белең?

- Эшикте ойноп жүргөн.

- Каякка кетип калышы мүмкүн? - Сырга чыйпылыктап жүгүрүп үйгө келсе Акматбек эшиктин алдында туруптур, кеч болуп саат ондон өтүп кеткен эле.

- Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөт, каякка кимдер менен ойночу элеңер? - деп Сырга Кайратты карады.

- Эрте эле келчүбүз, - Кайрат күнөөлүүдөй башын жерге салды.

- Ботом, мындай караңгыда жүрчү эмес эле? - деп Мөөркан коңшуларынын үйүнө кирип сураштырып жүрдү, эч кимси көрбөгөнүн айтышты. Үрпөңдөшүп айылды түп көтөрө кыдырып чыгышса дагы дайыны билинбеди, Сырганын көздөрү тоодой кызарып ыйлап жатты:

- Кайда кетип калды, эми кантебиз?

- Участковойго барсак бекен?

- Кеч болуп кетти, эртең менен эрте баралы, үйүнө кетип калды го?

Ошентип Маратты таппай калышты, Сырга дагы үч-төрт күн калып эки жактан издеп жатты, акыры Курсантка барып кеңешип келмек болуп шаарга жөнөдү, ал келгенде Курсант жок эле, кечинде келди:

- Оо менин алтышкам келип калган го, эмнеге кечиктиң? - деп эч нерсе билбеген болуп кучактап, - Эмнеге капасың жаным?

- Курсант, балам жоголду, таппай жатабыз, - Сырга ыйлап ийди.

- Качан, эмне болуптур?

- Билсем гана, дайынын билбей азап тартып жатабыз, кантип, кайдан табам?

- Милицияга билдирдиңерби?

- Ооба, алар деле таппай жатат.

- Кайда кетмек эле, табылып калаар коркпо.

- Корком Курсант, Ишенаалы деле бир күнү кечигип өлүгүн тапканбыз, кайсы ниети куурагандар өлтүрдү билинбей калды, эми баламда эмнеси бар? - Сырга көзүнүн жашын көлдөтүп турду, - Мендей энеси, карындаш-эжеси бардыр ошолордун, кызы бар чыгаар, неге ошолордой көрбөйт ар бир энени…

- Капаланбачы эми, издеп табабыз, - деп Курсант аны жубатканы менен: "Балаңды эми көрбөйсүң, менин кулум болот, өмүрү өткүчө кой артына саламын, акыры түңүлөсүң", - деп мыйыгынан жылмая ары бурулду.

- Ушунун баарына бир гана балаа баскан алтын күнөөлүү, - деп жиберди Сырга, - Ошонун айынан өлгөнүн билем Ишендин, башын жуткан алтынын биротоло жок кылбай эмнеге катып жүрөт билбейм.

- Эмне болгон алтын экен? - Курсант эч нерсе билбегендей маңыроо боло калды, - Кимде экен ал?

- Чоң кайнатамдын апасы күйөөсүнөн толгон байлык алып калыптыр, мен көргөнүм жок, ошол апабыз токсон алты жашта, билсе ошолор билет, иши кылса басып эле жатат окшойт, - деп Курсанттын оюндагысын сезбей баласынын жоголгонуна ошол себептүүдөй айта салган эле.

- Ошончо көп бекен?

- Анысын билбейм, чоң кайнатамдын жашаган үйү бир укмуш, балдарынын мингендерин айтпа, Кудайберди, Аллаберди деген кайнагаларым андан бетер чиренишет, алардын балдары бүт кызматта, баса эртең ошол кайнагама барып айтайын, - деди баласы табылып калчудай болуп кубанган Сырга.

- Барсаң бар, издөөсү күч болсо…

- Ой ал укмуш, мындайларды таап жүргөн.

- Анда жакшы экен, эртелеп кайрыл, - деп Курсант отуруп калды, ал азыр бүгүн түнү Акматбектин эшигине ташталган катка кандай жооп болоорун ойлоп турду. Маратты ээн талаадагы эки бөлмөлүү эски тамга камап, кайтаруучу коюп коюшту, тамагын убагында берип үнүн чыгарбас үчүн коркутуп коюп карап жатышты. Акматбек эрте туруп малына чөбүн салып коюп анан дарбазасын көздөй басып небереси келип калчудай жол карамак болду, Марат жоголгондон бери түнү уктабай чыгып эртелеп жол караган күүгүм киргенче күтө бермей адат тапкан. Дарбазага жете берип жерде жаткан конвертти көрүп: "Бул кат кимден келди экен"", - деп ойлонуп эңкейип алып үйгө кирди. Келин баласы али ойгоно элек, Ишенаалы өлгөндөн кийин ортончу уул-келини келип ата-энеси менен жашап калган.

- Ой кемпир, бирөө кат таштап кетиптир, тур дечи Тургунаалыны, - деди эшиктен кирип эле.

- Кимден келиптир, почтолор иштебей калбады беле?

- Ким билсин, көз айнек жок окуй албайм да, - деп бак-бак эткен атасынын үнүн угуп Тургунаалы туруп келди, - Бу катты окучу, эмне деген кат экен? - Акматбек катты Тургунаалыга сунду. Ал окуп кирди: "Эгерде балаңар тирүү керек болсо секидеги бейитке Камчыбектен калган алтынды коюп койгула, милицияга кабарласаңар өкүнүп каласыңар, балаңарды тирүү көрбөйсүңөр", - деген кыска гана кабар бар экен. Акматбек муну угаары менен атасына жөнөдү, Теңирберди эшикте жүргөн экен.

- Кел-кел, кайдан эртелеп, баладан кабар барбы?

- Ошонун аракети да, - Акматбек эки жагын карана бирөө карап тургансып, - Үйгө кирели, - деп үйдү көздөй басты, үйгө кирип орун алгандан кийин атасына жакын отурду, - Бу алтын деген балээ болду го, Камчыбектен калган алтынды тиги бейитке эртең коюп койгула деп кат таштап кетиптир, - дегенде Теңирберди небересин Кудайберди менен Аллабердиге жөнөттү, - Бул Сабырбектин балдарынын кылып жатканы экен, азыр баары сабаттуу болуп жер кыдырып калбадыбы, Ишенди ошолор өлтүргөн экен, туугандыкты биротоло душмандыкка айландырган акмак, тиги Кудайбердинин балдарын түндөп чакыргыла, ошолор менен колго түшүрөлү, булар муну менен тынчып калбайт, - деди баласына.

- Ата, аларды колго түшүрөбүз деп Мараттан айрылып калбайбызбы?

- Коркпо, катты бекитип кой, азыр илгерки заман эмес, апам укпасын, ансыз деле кирип чыга албай калды.

- Макул, Маратты аман-эсен колубузга тийгизип алсак болду, ата андай мындай дебей ошо алтыныңды берип жок кылчы, баш аман болсо табылат дүнүйө, - деп Акматбек кабатырлана карады.

- Эмнеге, Камчыбек менин дагы атам, көзүнүн тирүүсүндө бизге өзү калтырган байлык, мен аны аларга жөн эле бере койбоймун, ал биздин тукумдун байлыгы, аларда ошондо төрт түлүк мал калган, апам кой менен уйдан алган эмес экен, анын үстүнө ошолор жакшы болсо ушул жакта болмок эмеспиз, качып келип ушу жерге байыр алып калдык, кудайга шүгүр өзүбүзчө бир айыл болуп отурабыз, - деп Теңирберди бакылдап жатканда Кудайберди менен Аллаберди кирип келди.

- Жайчылыкпы деги? - деп Аллаберди агасына таңдана карады.

- Жайчылык болсо кана, отургула кеңешчү сөз бар.

- Кандай кеп с өз?

- Туугандарыбыз баягынын артынан түштү, Маратты алтынды алып келсеңер беребиз дептир.

- Кандайча, кимиси экен?

- Сабырбектин балдарынан сөз кеткен го, алар бар болсо токсондон ашып кетти, неберелери дагы Сабырбекти тартып дүнүйөпороз болгон го, - деп Теңирберди инилерин карады. Ошентип алар өздөрүнчө ойлонуп, кеңешип жатып Маратты бошотконго калган баалуу буюмдар менен алтынды алып барып белгиленген жерге коюп күтүп күүгүмгө чейин отурушту, бирок баланы алып келишкен жок, эртеси Теңирберди үйүнөн таң эрте чыкты, ал түз эле туулган жерин, Сабырбек менен Кадырбектер жашаган айылды көздөп таксиге отуруп жөнөдү, кечке маал сураштырып Курманбектин үйүнө келип заңгыраган үйдүн короосунун жанына келди, дарбазасын такылдатты эле секелек кыз чыкты:

- Сизе ким керек? - деди ал чоочун адамды бүшүркөй карап.

- Курманбектин үйү ушулбу?

- Ооба, чоң атамды чакырайынбы?

- Чакыр, - деген Теңирберди кыздын артынан короого удаалаш кирип эки жагын карап жарык жерге туруп калды, ошол убакта:

- Чоң ата, бул жакта турат, - деген кыз колун жаңсап.

- Ассалоому Алейкум! - деди Теңирберди кош колун суна.

- Аллеким - Салам, куш келипсиз, сизге ким керек эле? - деди Курманбек Теңирбердини бүшүркөй карады.

- Мен Теңирбердимин, силерди издеп келдим.

- Ыя, Теңирберди дейсиңби, оо иним турбайсыңбы, келген экенсиң акыры, туулган жердин топурагы алтын деген, кел-кел, - деп Курманбек кучакташып турган соң, - Үйгө кир иниси, убакыттын өткөнүн кара, анда экөөбүз тең ойноо балдар элек, эми минтип агала сакал чал болдук, - Бакылдай ичкери баштап кирди.

- Ошондой, ошондой элек, - деп Теңирберди күлгөнү менен ичинде сары санаа турду: "Эгерде менин балдарыма зыяны тийсе тууган болобузбу же душман болуп чыга келебизби", - деген ой турду дилинде.

- Кандай Теңирберди, бала-чака тынчпы, бири-бирибизди издеше албадык, сен атабыз менен бир атадан болгон соң силер келип таанышсаңар болмок, - деди Курманбек, аңгыча келини дасторкон жайып үстүн толтуруп койду, - Атам болсо силерди көп айтып калчу эле, апаң барбы?

- Бар, кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү эле.

- Жакшы экен, атамдардын ызасы эле өздөрүнөн кичүү аял алган атасынын жоругу эле…

- Апам күнөөлүү эмес экенин билсеңер керек?

- Биз кайдан, аны атамдар бизге айткан эмес.

- Мейли эми Курманбек аке, кыскасы уругубуз бир, түбүбүз бир, менин келгеним… - деп каңырыгы түтөй болгонун айтып берди, - Ошол мени өлтүрмөк болгон түнү неберемди өлтүрүп үйдүн жанына таштап кетишти, эми ошол өлгөн неберемдин баласын алып кетип, айтканын алып барсам дагы беришпеди, бул кимисинин колунан келгенин акыры билебиз, бирок балдар бири-бирине касташып калбасын дегеним, өкмөттүн укуругу узун, кандай болгон күндө да табышат дечи, бирок кеч болуп кала электе биз алдын алышыбыз керек, - деп Теңирберди агасын эмне дээр экен дегендей карап калды.

- Бул ишти менин балдарымдын колунан келди дегениңби?

- Түз айтпаймын, бул катка караганда билген гана бирөөнүн колунан келди, - деп Акматбектин үйүнө ташталган катты алып берди. Курманбек окуп көрүп Курсанттын айткандарын эстеди: "Балаң кургур, кандай балээнин үстүнөн чыкты, бала-чакасына дагы келбей байлык деп көзүн кара басканбы, ушундайда токтотпосом ырас эле жакшылык менен бүтпөйт", - деген ойдо Теңирбердиге кайрылды.

- Кабатыр болбо, чоң атабыз ушундай чуулгандуу окуянын уландысын бизге калтырган экен, биз деле жаман эмеспиз, адам баласы тоюмдуу болбосо кыйын, мен балдарды чогултуп сураштырайын, - деди: "Жок болсо бир жөн эле, элүү-алтымыш жылдап эчткеден кемибедик, алтындан башка калган дүнүйөсү деле өлтүргөн жок, ачарчылыкта ноюганыбыз жок, бу кандай кудай урган балдар эле", - деп өзүнчө ойго түштү. Теңирберди кетмек болду эле Курманбек козу сойдуруп коноктоп отургузуп койду. Алар боорлошуп өткөн кеткенден сүйлөшүп отурушканда Теңирбердинин үйүнө чүмбөтчөн үч киши кирип уул-келини менен неберелерин коркутуп бир бөлмөгө камап коюп үй ичин чачып издеп жаттышканда эң төркү бөлмөдөн карылыгы жеткен Алымканды көрүп калышты. Дабыштан улам ойгонуп кеткен ал:

- Балам сен кимсиң, жарыкты күйгүзүп койчу, - деди Алымкан өйдө болуп.

- Аа-а, бул какбаш али өлө экен го, алтынды ушунун жаткан жеринен караш керек, - деп Курсант сүйлөп ийгенин билбей калды.

- Алтын дейби, сен кимсиң? - деген карыны карысынан ала ары жакка түртүп ийип үй ичин тыта карады, илгертен бери бекитип жүргөн асыл буюмдарын алып, сандыкты сындыра тээп ичинен эчтеке таппай:

- Эй какбаш, кана алтындар? - деп кемпирди жулкудатып анын эси ооп калганын көрүп, - Кеттик, ушунча жылдан бери калды дейсиңби? - деди да эси ооп жаткан кемпирди аттай чыгып кетишти. Камалып жаткандар алар дарбазаны тарс-турс эттирип чыгып кеткенден кийин терезесинен чыгып анан бөлмөнү ачты небереси, бөлмөлөрдүн чак-челекейи түшкөн, чоң энесинин бөлмөсүнө кирсе ал зорго көзүн ачкан экен.

- Чоң эне, жакшы элесизби? - деп башын көтөрө койду Дуулат.

- Балам, келгендер кимдер айланайын? - деп Алымкан араң сурады:

- Билбейм чоң эне, дагы жакшы өлтүргөн жок, үйдүн кунун учуруп чачып кетти, деги эмне издеп жүрүшөт?

- Ким билсин уулум, чоң атаң кайда?

- Кечээ бир жакка кеткен, эчтеке айткан жок.

- Мейли, мени ордума жаткырып кой, - деди да төшөгүнө келип түйүнчөктөрүн издеп эчтеке таппады, - Менин түйүнчөктөрүм жок го балам?

- Алып кетишсе керек да.

- Карангүн ай, анда алдагы Аруукем күйөөгө чыкканда бере турган асыл буюмдарым бар эмес беле…

- Сандыкты талкалап кетишиптир.

- Ошону кылмак, - деп Алымкан ары карап жатып алды. Түйүнчөгүндө азыраак эле, анткени небереси Дуулаттын кызы Аруукени куда түшкөн жерине атказышмак, эски салтты колдонуп сөйкө салуу аземи кайрадан жайылган убак. Калган болгон байлыгы миң жылдап уруктан-укукка өтө турган болгондуктан Теңирберди жан адамга билгизбей темир сандык жасатып чаркар тамдын эң төрүн казып көмүп койгон. Кези келгенде балдарынын бирине тапшырмак, анда Алымкандын дагы баалуу буюмдары бар, ал турсун Темиркулуна дагы көзүнүн тирүүсүндө бере турганы бар. Эртеси түшкө маал Теңирберди Курманбек менен үйгө келип эмне болгонун көрүп агасын карады.

- Эмне болду? - деди анан Дуулатка.

- Билбейм, чүмбөтчөн үчөө келди, өлтүрүп кетпегенине кубанып отурабыз.

- Апам кандай? - Ал төркү бөлмөгө шашыла кирди, Алымкан аппак жоолук салынып, астына калың төшөнүп, бийик коюлган пар жаздыкта жаткан, - Апа, акыбалың кандай? - деди жанына отуруп.

- Балам, кайда жүрөсүң, түндө үйгө бирөөлөр келип алтын кайда деп мени өлтүрө жаздады, бул соо эмес, Сабырбектин эле балдары го? - деп өйдө болду Алымкан. Курманбек унчукпай турган, дагы бирдеме деп сүйлөмөк болгондо:

- Жакшысызбы? - деди ал эңкейе карыга.

- Жакшы, сен кимсиң айланайын?

- Мен… - Теңирбердини карады.

- Апа, бул коңшунун эле баласы, - деп койду Теңирберди, ал Курманбекке айтпай тур дегендей башын чайкап койду.

- Аа-а айланайын, карылыктыкы го, тааный албай калдым.

- Апа, сен жата бер, мен Мараттан кабар алып шаарга кеттим, Тыныч менен Кылычты барып кылмыштын артынан түш дебесем болбой калды, - деди да Курманбекти конок бөлмөсүнө киргизди, - Бүгүн биерде конок бол аке, кырчылдашкан күндө дагы түбүбүз, арбагыбыз бир, сен небересисиң, мен өз баласымын, куру чыкканың болбойт.

- Биз минтип бири-бирибизди сыйлап отурсак кеч калабыз, кандай болсо дагы ким экенин билүүбүз керек, эгерде менин балдарым боло турган болсо токтотпосок дагы бир балээнин үстүнөн чыкпасын, - дегенде Теңирберди ойлонуп калды, - Сыйлашууга көп убакыт бар, иштин акырына чыгалы, биз болбосок мындан дагы жаман болуп кетпесин?

- Туура, анда чыгалы, - деди Теңирберди, шашыла ээрчишип жолго чыгышып таксиге отурушту, шаарга келген соң эртеси бир жерден жолугушмак болуп эки бөлүнүштү, Теңирберди дароо эле Тынычтын ишине барды, ал учурда сот жүрүп жаткандыктан күтүп калды, көп өтпөй эле Тыныч келип калды:

- Келиңиз аба, кайдан жүрөсүз? - деди учурашып.

- Уккан чыгаарсың, башыбызга түйшүк түштү балам.

- Издеп жатабыз, илинчек жок, изи жок кылмышты кыйын да аба, шектүүлөр барбы?

- Шектүү бар, бирок сен аны эч кимге билгизбей өзүң жүргүзүшүң керек, - деди акырын, - Бул иш биздин туугандыгыбызга чекит кое турганга барабар, Маратты аман-эсен таап алсак калганын өзүм жөнгө салам.

- Кандайча?

- Кийин айтам, сен Камчыбектин балдарынан башта, - деп Теңирберди алардын жашаган айылын толук айтып берди.

- Макул, сиз айткандай болсун, бирок мен мыйзамга каршы иш кыла албайм аба, кокус ошондой болгон болсо жооп бериши керек.

- Мени кара, алар менен биздин атабыз бир, Алымкан чоң энеңдин өгөй балдары, түшүнбөстүк болуп жатат балам, - деп Теңирберди Тынычты маанилүү иш болгондой сырдуу карады.

- Кызык экен, мен укпаптырмын.

- Эми кезек келди, баарын ачык билесиңер, - деп экөө сүйлөшүп отурушту, алар антип отурганда Курманбек шаардагы улуу уулунун үйүнө келди, Курсанттан улуу экөө, Кулмат анан Эрмат деген, Эрматы айылда, үй-бүлөөлүү, Кулмат айыл чарбачылыгы боюнча мекемеде иштечү, минтип элдин баары соодага көчкөндө ал бизнес менен алектенип кеткен.

- Кел ата, кандай шамал айдады, чакырса келчү эмес элеңиз, - деп тосуп алды.

- Келе турган иш болуп калды, Курсанттан кабар барбы, ал үйгө барбай да калды, аялы менен бала-чакасы күтүп жүрөт, көрүп жатасыңбы деги?

- Кээде эле келип кетет, эмнеге барбайт үйгө?

- Ошону билсем сураар белем, деги кандай жүрөт?

- Жакшынакай эле, эки күн мурун машина алыптыр, айылга барам деп жүргөн.

- Аны мага таап бер, бирдин ичинен чыгып жүрбөсүн, - деп Курманбек болгонун айтып берди эле Кулмат ойлонуп калды.

- Анын жүрүшү башкача ата, акчаны бурай кармап машина минип келгенде таң калганмын, эгерде балага бирдеме болгон болсо сөзсүз анын атасынын өлүмүн дагы ага жүктөйт, - деди Кулмат.

- Ошону үчүн келдим, токтотуубуз керек…

- Аны мен табам ата, ал бир жерден квартира таптым деп жаткан эле, балдарды жиберем, аты жөнү менен эле таап коебуз, - деп оозун жыйганча сырттан Курсант кирип келип атасын көрүп делдээ туруп калды.

- Ийи жолборсум, кайда жүрөсүң?

- Ата…

- Болду сүйлөбө!

- Эмне болду?

- Мен сенден сурайын, сенин эмне кылып жүргөнүңдү.

- Эмне кылыптырмын?

- Азыр баланы менин колума алып келип тапшыр, өмүрүңдү түрмөдө өткөргүң келип жатабы акмак? - деп Курманбек уулун чаап жибермек болгондо Кулмат кармап калды, Курсант актана албай туруп калды.

- Тур, бала бирдеме боло электе алып кел, адамдын тагдыры менен ойнобо, - деп Кулмат инисин далыга таптады. Курсант кайрып сөз айта албай кайсактап турганда Курманбек өктөм буйрук кыла сүйлөдү.

- Эгерде балага бирдеме болсо, анын атасынын өлүмү дагы сенин мойнуңа жүктөлүп түрмөдө чирийсиң! - дегенде Курсанттын көз алдына түрмө келе калып чоочулай колу менен башын кашылай бир аз турду да чыгып кетти, ошол бойдон түндөсү Маратты алып келди, Курманбек баланы жуунтуп, кийимин алмаштырып жаткырып койду. Эртеси Теңирберди экөө жолукмак болгон жерге келип туруп калды эле:

- Чоң ата-а! - деп Марат жүгүрүп кетти, барып эле Теңирбердини кучактап калды, - Чоң ата мен силерди сагындым, аябай корктум, - деп ыйлап жатты.

- Болду-болду балам, ыйлаба каралдым, - деп соороткон Теңирберди экөөнү карап турган Курманбекти көздөй басты, учурашып кафеге кирип тамактанышты да экөө Теңирбердинин үйүнө жөнөштү, адегенде Акматбектин үйүнө келишти, алар кубанып жатып Курманбектин ким экенине деле көңүл бурушпады, Теңирберди Акматбекти өз үйүнө алып кетти, эртелетип килейген кой союп, дасторкон үстүндө Курманбекти тааныштырып отурду.

- Балдарым, түшүнбөстүктөр болгон кезде биз бала болчубуз, өйдө-төмөндү ажырата албаган жаш элек, учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат деген, арадан көп жылдар өттү, эми биригели, туугандыгыбыз жалган эмес го? - деди Курманбек.

- Ооба, туура айтасың аке, апам бир-эки жылдан бери көзү начарлап кетти, - деп кейиди Теңирберди.

- Анткен менен чоң апам күүлүү, - деп Акматбек күлүп калды. Баланы ким алып кеткени, кандайча табылганын эч кимиси сурабады, болгону бул иштин ким аркылуу болуп, кайдан табылганын бир гана Теңирберди билди, бирок иштин жаман жагына айланып кетишин, калган баларынын бири-бирине өчүгүшүп калуусун каалабады, муну Курманбек дагы түшүнүп абдан ыраазы болду. Жакшылап коноктоп, бир сыйрасын кийгизип анан узатты. Алымкан төрдө отуруп ооз ачпады, анын көкүрөгүн өйүгөнү катылган байлык, ал дайыма балдарына: "Балдарым, ач көз болбогула, барына шүгүр деп жүргүлө, ач көздүктүн зыяндан башка пайдасы болбойт, бар болсо чача бербей акыл менен урунган жакшы", - деп айтып келет.

- Теңирим, кеттиби алиги? - деди Алымкан.

- Кетти апа, бирдеме дегиң келдиби?

- Жо-ок, бери жакын келчи.

- Мына жаныңдамын апа.

- Менин сага айтаарым баягы эле балам, сен Темиркулду чакырып кел, андан кабар албадың, үйлөндүбү же эмне болду, алты жашында кеткен бойдон каттабады, эмне болду балам.

- Мейли апа, Темиркулду табайын, менден бир жашка улуу беле ал? - деп апасына кайрылды.

- Ооба, бир жаш үч ай эле…

- Анда алтымыш алтыда экен да?

- Ошондой болуп калды го?

- Эртең чыгайын апа, мен тиги Акматбектикине барып келейинчи, келин келди бекен, - деп сыртка жөнөдү. Ал убакта Сырга шаарда ыйлап-сыктап соодасына чыгып кайра келип жүрдү, Курсант бир күнү кеткен бойдон кайрылбады, ага ызаланып ошол күнү уулунан кабар алганы айылга кеткени жатканда келип калды.

- Кайда жүрөсүң, мен баламдан кабар ала албай эмне болуп жүргөнүм менен сенин ишиң дагы жок, - деп тултуңдай кетти, - Мен кетип жатам, үйүңдүн ачкычын алып кал!

- Эмнеге Сырга, мен сени сүйөм, билбейсиңби ошону?

- Жок, балдарымдын алдында сенин сүйүүң эч нерсеге арзыбайт Курсант, жолумду тоспо, аз дагы болсо мага сүйүүңдү арнаганыңа ыраазымын, биз мындан ары бирге жашай албайбыз, - деп аны акырын түртө босогого жетти.

- Сырга, мунуң болбойт, - деп Курсант куру бекер айтып жатты, анткени атасы аны айылга биротоло кеткин деген болчу, Сырга антпеген күндө дагы ал дайынын билгизбей кетмек, - Кеч болуп калды, бүгүнчө жатып ал, эртең өзүм жеткирип коем, - деди анан.

- Макул, кеч болуп калды, - деп Сырга артка кайрылып сырткы кийимин чечип отуруп калды, Курсант сыртка чыгып тамак аш көтөрүп кирди, арасында ичимдик дагы бар, тамак жасап экөө отуруп ичип отурушту.

- Сырга, сен менин жүрөгүмдү жаралап кетип жатасың, мен болбосом дагы башкага турмушка чыгасың, акыркы түнүбүз болсун, жаман айтышпай коштошолу, эгерде кайра ойлонуп көрүп жашагың келсе үй мына, келип калаарсың, - деди да Курсант винодон куйду.

- Балдарымдан алыс болгонум жаман экен, тез-тез барып көргөнгө убактым жок, - деди Сырга, ал кайненесинин айтканына ынанып калган, не болсо дагы балдарымдын маңдайында болом деген ойдо болуп бир чечимге келген, бирок Мараттын жоголгону жүрөгүн өрттөп турду, анын эбак эле үйүнө келгенин билбеди, Курсант ал жөнүндө айтпады.

- Марат табылганча туруп тур, ошого кыжаалат болуп жатасың го, мен сени түшүнөм, - деп колунан кармай боору ооругандай түр көрсөттү.

- Билбейм, кандай ниети куураган неме алып кетти экен, кагылайыным ай, кандай күндө калдың садагам, - деп ыйлап кирди, Курсант аны бооруна кысып кучактап диванга алып келди, ыйлап-ыйлап басылган Сырга эркектин кучагында өзүн эрээркей эркин кармап ага өз аялдык парзын аткарууга каршылык көрсөтпөй көнүп берди: "Эмне болгон күндө да эрим эмеспи, эч кимиси болбосо жүрөгүн оорутканым болбос", - деп ойлоду. Ошентип ал эртеси Курсант менен келип үйдөн алысыраактан түшүп калды.

- Ай Сырга, уулуң келиптир айланайын, жакшы болгон туура, - деп ал бир аз басаары менен эле тааныш аял айтканда кубанып кетти:

- Эмне дейсиз, Марат келдиби, оо кудайым? - деп көз жашын куюлта жүгүрүп жөнөдү.

- Аа-а бечара, уга элек тура, - деп ал аял кала берди. Сырга жүгүрүп жетип дарбазаны ачып эле.

- Мара-ат, Мара-ат кайдасың? - деп көз жашы бетин жууй үйгө кирип келе жатты.

- Апа! - деп Мараттын үнү артынан угулганда кайрыла коюп аны көздөй кулачын жая жүгүрмөк болуп экинчи тепкичте турганын унутуп бутун таштаганда эле көмкөрөсүнөн жерге кулап түштү..

- Коку-уй! - деп ары жактан Мөөркан келип өйдө кыла койду, Сырга, көзүңдү ашчы кагылайын, уулуңду карачы, - деп жаагына чапкылаганда көзүн ачып:

- Марат, Марат келчи мага, - деди башын көтөрө, уулун өөп жыттап ыйлап жатты, чекеси томуюп чыга түшүптүр, эки чыканагы менен тизеси сыйрылып кетиптир, - Кагылайыным, алдыңа кетейиним десе, аман-эсен көрдүмбү сени?

- Турчу балам, чекеңе бирдеме сыйпай коелу, кудайга шүгүр, уулуң аман-эсен келди, - деп өйдө тургузуп ичкери киргизди, тизелери шишип зорго басып кирди, - Этият болбойт белең балам, ай аттиң ай, бала боор эт менен тең деген эмеспи, мына Маратың, кечээ чоң атаң таап келди, - деп келинине боору ооруп сыйрылган жерлерине мазь сыйпап жатты.

- Апа, кантип кайдан таап келди чоң атам, кандай немелер алып кетиптир? - Сырга кайрыла Маратты карады, - Кандай кишилер алып кетти, каякка алып кетти, билесиңби деги, кардың ачтыбы, кыйналдыңбы садагам?

- Апа, мага тамак берип жатты, бирок мен эч кимди тааныбайм, беттерин жаап алышчу.

- Тилеги каткырлар десе, эмнеге алып кетти, кандайча кое берди, деги түшүнө албай калдым.

- Ким билет балам, - деген Мөөркан ашыкча эч нерсе айтпады, билмексен болуп тим болуп сыртта жүргөн улуу келинин чакырды. Акматбектин төрт баласы бар болчу, эң кичүүсү Ишенаалы эле. Үйүндө жүргөн андан улуу баласы, аялы кирип чай койду, ал сыртта кир жууп жүргөн эле.

- Жеңе, силер менен деле учураша албай калдым, - деп Сырга Үпөлгө кайрылды.

- Эчтеке эмес, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Эптеп, соода кылып жаткам, Маратты ойлонуп жинди болуп кете жаздадым, товарымды бүт сатып биротоло келгем, тим койсом болмок экен…

- Ырас кылыпсың балам, биерде жүрө тур, сагынычыңды тарат, бул үй дагы сенин үйүң балам.

- Атамдарга барып келейин, - деди жер карай, апасынан чоочуп турган, күйөөгө тийгенин айтып ийеби деп. Оюнда Жумашка макулдугун бермек, - Атамдар мен жокто келген жокпу?

- Жо-ок, алар уккан жок окшойт, укса жетип келет эле.

- Эртең Кайрат менен Маратты алып барып келейин.

- Макул айланайын, - деп Мөөркан мээримдүү жылмайды. Акматбек малын суугарып ичкери кирди, келинин көрүп учурашты, анан кечки тамакка отурушту, Жекшенаалы Жумаш менен кирип келди, алар кечке карта ойноп анын үйүндө болчу.

- Кел Жумаш, төргө өт, - деди Мөөркан. Тамак ичилгенден кийин Жумаш үйүнө кетти, кайненесинин жанында сүйлөшүп отурду Сырга, ичинен кайната-кайненесине ыраазы болуп турду, анткени алар Сырга келгенде кандай мамиле кылса дагы эле өзгөрбөгөндөй, кызындай көрүшөт. Эртеси Сырга төркүнүнө кеткенден кийин Мөөркан иниси Айткулга барып алар менен кеңешип Сырга төркүнүндө жүргөндө бармак болуп эртеси жөнөштү, Сүйүнбай аларды көрүп эле утурлай басты:

- Келгиле кудагый, келгиле.

- Келип калдык, жакшы жатасыңарбы?

- Шүгүр, биз эчтеке укпай эле, Сырга келип айтканда угуп жүрбөйбүзбү, кудай сактаган экен, - деп Сүйүнбай кудагыйынан уялгандай болду, аңгыча үйгө кирип келишти. Ошентип алар чогуу сүйлөшүп келген жөнүн айтып акыры сөз нугу Сыргага келип токтоду, Сырга үн дебеди, апасына баарын түшүндүргөн болчу, ошондуктан анын макул экендигин билишкен соң көп созушпай эле кийинки жумада алып кетмек болушту. Сырга ошол кезде өзүнүн кош болйуу болуп калганын сезген эмес, келгенине бир ай болгондо гана билип ичинен сызып кала берди. Ошентип ал тагдырынын дагы бир бөлүгүнө баш баккан учуру…

Алымкан Теңирбердини өзүнө чакырып алып каткан байлыкты биротоло малга айлантып ар бир неберелерине бөлүштүрүнү туура көрдү, анан Темиркулга дегенин бөлүп алып ага Теңирбердинин кичүү уулу Кубатбекти жөнөтүштү. Кубатбек Бусурмандын үйүн издеп барганда Темиркул сыртта жүргөн эле, салам айтып турган жаш жигитке карап:

- Кел балам, кимди издеп жүрөсүң? - деди көңүл бура.

- Темиркул деген кишини издеп жүрөм, ушул дешти.

- Ооба-ооба, кел - кел, кайдан келе жатасың? - деди бүшүркөй, - Өзү дагы шекшип турган, анткени көптөн бери апасы түшүнө кирип жүргөн, - Кел кир үйгө, - деп дарбазасын ачып киргизди.

- Мен Кара-Көлдөн келе жатам, чоң энем жиберди.

- Жакшы-жакшы, чоң энең күүлүү-күчтүүбү балам?

- Тың эле, чоң энем сизди келип кетсиң деди.

- Өзүм да бармак элем, атам оорукчан болуп калды, - деп ичкери киргизди, үй ичи томсоруп эч ким жашабагандай көзгө комсоо эле, төрдө шейшеби жок төшөктө бирөө жатат, - Отур балам, жашоо ушундай экен, атамдын төшөк тартып жатканына он жылдан ашты, аялым өлүп калган, эки иним өз үй-бүлөөсү менен шаарда турушат, менин эки балам бар, бири биерде, бири шаарда, - деп кейигендей үшкүрүп алды. Жашоолору ойдогудай эмес экени көрүнүп эле турган, боору ооруду, жетимиштердеги адам өз жашынан өтө эле картаң көрүндү.

- Мен кетейин аба, сиз качан барасыз? - деди Кубатбек өйдө болуп.

- Кеч болуп калды балам, жатып эле ал, эртең шашпай кетесиң, мен сени коноктойм, - деп жылмайды Темиркул. Ошол кезде Орузбай аялы экөө тамак аш көтөрүп келип калды. Темиркул аларга Кубатбекти тааныштырды, - Бул Алымкан чоң энеңердин небереси, апам карып калды, мени чакыртып ийиптир.

- Апаңыз сизди эми эстептирби? - деди Орузбай атасына кээр сүйлөй, - Эмдигиче бар бекен?

- Орузбай, ал эмнең балам, сен да картаясың, мындай айтканың болбойт, - деди Темиркул капалана.

- Ата, ошол апаңыз өзү деле издеп келип койбойт беле, алты жашыңыздан бери кабар албай…

- Болду! - Темиркул келинин сүйлөтпөдү, - Мен барышым керек болчу, баланын парзы эненин ал-абалын билиш, силердин дини кайырдыгыңардан ушуга чейин бир көрө албадым энемди.

- Кечириңиз аба, мен кетейин, - деп Кубатбек алардын жанынан кеткенче шашты, ал кеч күүгүмдө чыгып кайда бараарын билбеди, анткени ал айылда же мейманкана жок эле, же такси чыкмак эмес. Ал чыгаары менен Орузбай:

- Апаңызга мен алып барып келейин, - деди ойлоно.

- Алар каерде экенин билбейм, чакыр тиги баланы, - дегенде шашыла чыгып Кубатбекти издеп жөнөдү, кеч күздүн суук убагы болгондуктан ал кайда бараарын билбей көчөдө кетип жаткан, Орузбай аны тааный койду:

- Иним, үйгө жүрү, эртең чогуу баралы, менин сөзүмө капа болуп калдың окшойт, биерден бул убакта кете албайсың, - деди ага жете келип.

- Макул аке, бирок кары кишини капа кылган болбойт, - деди Кубатбек, экөө ээрчишип келгенде Темиркул кубанып кетти, Бусурман дагы ойгонуп калган.

- Ата, бул жигит Алымкан апамдын небереси, - деди Темиркул ага жакын келип.

- Ыя? - Бусурман башын көтөрүп Кубатбекти карады, - Алымкан барбы айланайын?

- Ооба, карып калды, күүлүү эле, төрүбүздүн көркү ата.

- Айла-анайын десе, ыймандуу бала экенсиң, - деп оор дем ала унчукпай калды, ошентип алар бир топко сүйлөшүп отуруп жатып калышты, бала күнүнөн бардар үйдө чоңоюп өскөнгө бул үйдө эптеп түнөдү, үй суук, төшөнчүлөрүнүн эскилиги жеткен, жамынбайын дейт, тоңуп калчудай, акыры уйку төшөк тандабайт дегендей көзү илинип кетти. Орузбай дурус жашачу, бойго жеткен кыздары үйлөнө турган балдары бар, алдында жигулиси бар, аялы көп сүйлөгөн кара жаак неме, кайнатасынын кир-когун жуугусу келбейт, эки чалды бир үйгө коюп койгонунан улам Орузбай бир аз уялып калды. Эртеси жигулге Темиркул менен аялын салып алып жолго чыгышты, Бусурманды кызы Райкан менен Гүлкан караганы калышты. Кечке маал келип токтогондо Теңирберди чыга калды, ошол убакта Алымкан жүрөгү сезгендей он жаштардагы чөбүрөлөрүнүн бирине жетелетип чыгап келе жатып:

- Келдиңби Теңиш, Темиркулум келдиби? - деди калтырай.

- Ооба, келишти апа, - дегенде.

- Суу алып чыкчы, - деп кайра ичкериге карай үн катты, аңгыча машинадан тэшүп келишти, Темиркулдун көөнөргөн пальтосу, эски тумагы менен өтүгү анын жок жарды турмушунан кабар берип турган эле, адегенде Теңирберди менен учурашып анан тез-тез басып апасына жетип кучактап калды, - Каралдым менин, аман-эсенсиңби? - деп Алымкан уулунун бети-башын сыйпалап, чачынан сылап ыйлап турду, эне-баланы карап тигилер дагы ыйлап жаттышты.

- Апа, мени кечир!

- Кайсы күнөөңдү каралдым, сен менин көз алдымда дагы эле томпоңдоп жүгүрүп жүргөн алты-жети жаштагы курагың турат, садагам менин сени эстеп жүрөгүм зыркырап жүрүп картайдым, - деп эне зорго дем алып сүйлөп жатты.

- Апа, конокторду үйгө киргизели, - деди Теңирберди аста гана, ошол убакта Орузбайды караган Темиркул.

- Апа, бул менин улуу балам, келиним, - дегенде алар келип кары менен учурашышты. Чогуу үйгө киргизишти, Орузбай менен аялы Сейде булардын жашоосуна суктанып жаттышты, атасы менен чоң атасынын жашаган үйүнөн арданып турушту. Теңирберди короосунан семиз койду алып чыгып сойдурду, дасторконунда баары бар, кайсынысынан алаарын билбей отурушту. Түнү менен сүйлөшүп отурушту, Алымканды бөпөлөп калың төшөккө аппак шейшеп менен жатканын көрүп үйдөгү эски, шейшеби жок төшөктө жаткан атасын эстеп Темиркулдун заманасы куурулду, бир кезде Алымкан менен Теңирберди сүйлөшүп отурганда ал баарын айтты, жупуну түрүн, өтө картайып кеткенин укканда Алымкандын алтымыш тамыры зыркырап кетти. Эртеси Бусурмандын төшөктө экенин айтып кетмек болгондо Темиркулга баалуу кийитти башынан аягына чейин кийгизди, Орузбай менен Сейдеге дагы адеми кийит кийгизип, Темиркулга бир түйүнчөктү карматып Алымкан өз бөлмөсүнөн айтып отурду!

- Мен издеп бара албадым, сен издеп келбедиң балам, Бусурман алып кетпесе өз колумда өсөт элең, аны да кыялбай акыры издеп келээр деп күттүм, бул сенин энчиң, уул-келиниңе билгизбей өткөрүп акчалай бер, өзүң урун, небере-чөбүрөңө жетет, келип тургула, балдарың менин чүрпөлөрүм баарын бир көрсөтүп кет, канча жашаарымды жараткандын өзү билет, - деп көз жашын төгүп уулун, алтымыш алтылардагы кишини шор-шор жыттап алды эне, - Бара гой, атаңды доктурларга көрсөт, ал мага нааразы экенин билем, бизди бөлгөн кудайга нааразы болуп жүрүп картайды, - Бар балам…

- Жакшы тур апа, өзүм келип турам.

- Мен бара албайм кагылайын, аман жүргүлө.

- Жакшы жүр апа, - деди үнү каргылдана түшкөн Темиркул, сыртта боорсок менен кант чайды, бир койдун этин бышырып салып даярдап аны күтүп турушкан, машинага отуруп жөнөп кетишти. Жолдо келе жатканда Сейде:

- Ата, апаңыз ханышадай эле өмүр сүрүптүр, аябагандай бай турушат экен ээ? - деди.

- Ээ балам, ар ким пешенесине жазганын көрөт да.

- Деги да, сиз бул жакта чоңойсоңуз башкача болмок экен, - дегенде Орузбай аялын тыйды.

- Болбогонду сүйлөй бересиңби.

- Айтып койдум да, жашоолорун карачы, кыздарыбыз күйөөгө чыкса кандай болот, өмүр бою мына бул машинаңды чапкылап жүрүп тапканың ичкен жегенден ашпайт, - деп какшанган келинине ичинен нааразы болуп: "Кокус бул бирдеменин шегин билсе жан койбойт, парасаттуу урунганды билбейт, эчтеке билгизбейин", - деп ойлонуп колтугундагы түйүнчөктөгүнү көрбөсө дагы: "Небере-чөбүрөлөрүңө жетет", - деген Алымкандын сөзүн эстеп сыйпалап бекемдеп койду. Үйүнө келип Бусурман экөөнө керегин алып калды дагы калганын берип ийип кала берди.

- Кандай барып келдиңер балам? - деди Бусурман башын көтөрүп, - Алымкан кандай экен?

- Жакшы экен, картайып көзү бүдөмүктөп калыптыр, салам айтты…

- Саламат болсун, - деп күңгүрөнүп алды, - Көрү өрттөнгөн Камчыбек бизди эки жээкте калтырбадыбы…

- Кайгырганда эмне ата, болоор иши эбак болуп өткөн.

- Аттиң десеңчи, ашыра таптатып токтоно албай калган күлүктөй болуп турган кезимде очорулта белимди бүктөп салбадыбы! - деп күрсүнүп алды, Темиркул жаңы бышкан эттен алып келип чай берди.

- Кыздар жакшы карадыбы ата?

- Кудай жалгасын, жакшы карап жатты.

- Мен эртең шаарга барып келейин ата, бир жумуш чыгып калды, - деди бир топтон кийин.

- Өзүң бил, ушу сен аял алсаң болот эле…

- Эми кереги эмне? - деген Темиркул: "Карыган атасын баккан бечара бактысыз эркекке ким тийе койсун", - деп айтып ийе жаздап атасын капа кылып алуудан тартынды, карды тойгон Бусурман уктап кетти, Темиркул эми гана апасы берген түйүнчөктү ачып эси эңгирей туруп калды, алтын дегенди угуп жүрсө дагы көргөнү ушул, бир тай туякты колуна кармап айландырып көпкө отурду да: "Мага эми мунун кереги эмне, жалындаган жаш курагымда колума тийгенде башкача болмок… Ээх чиркин, өзүмдү гана ойлогонумду кара, балдарым турбайбы, уучум куру эмес, кат тааныйм. Ноорузбайды издеп табам, ал деле жыргап кетпесе керек, эптеп жашап жүргөндүр, аны биякка алып келейин", - деп ойлонуп эки инисин да эстеди: "Баарына жетет", - деп койду пейили кенен Темиркул. Эртеси эрте туруп Орузбайдын үйүнө барды, аларга Ноорузбайдан кабар алып келем деди да атасын алардыкына алып келмей болду. Тай туяктан башкасы жасалга, билерик шакектер эле. Бул мурунку зергерлердин колунан чыккан буюм ошончолук баалуу дагы, таза алтындар эле, калганын бекитип коюп шаарга жөнөдү. Сейде мында дагы жөн калбай:

- Атама чоң апабыз байлык бергенби же күркүл акча бергенби, дегеле шаарга барам дечү эмес эле ? - деди күйөөсүнө карап.

- Сүйлөбөчү, Ноорузбай эки жылдан бери келбей калды, кабатыр болот да, - деди Орузбай аялын жактыра бербей.

- Жүргөндүр да, аның кайра-кайра аял алып бир жерге күлү додо болчу беле?

- Өзү билет, киришпе!

- Болуптур, баса Райканга тиги Арыкбай куда түшүп келгени жатыптыр, эптеп камынбасак болбойт.

- Ким айтты аны?

- Кечээ Райкандын курдашы келген, ошол мага шыбырады Арыкбайдын баласы Мелис менен кызың сүйлөшүп жүргөн окшойт.

- Учурунда көрөбүз, кыз менен өлүк буйруганын алат деген, өлүм айтпай келген сыяктуу эле, кыз дагы капыстан качып кетет эмеспи, куда түшөбүз дешсе жаңыча алалы деп жаткан го? - деп аялын ойлуу карады.

- Ошону айтам да, элдей болуп жарыбадык, колубузда төрт кой, бир уйдан башка эчтекебиз жок, - деп Сейде кейиген болуп күйөөсүнө тийише сүйлөдү, - Дегеле жарыбагандын тукуму жарыбайт экен, Султандын үйлөнөөр кези келди, кандай кылаарыбызды билбей кардыбыз тойгонго кубанып отурабыз, - деп какылдап киргенде Орузбайдын ачуусу келип кетти:

- Катын алсаң кайын ал, дегендей сени эмес түбүндө бардын кызын алсам мени эбак байытып коймок, сөзүңдөн башка эчтекең жок, - деп сөгүнүп киргенде Райкан кирип келди.

- Болдугулачы, экөөңөрдүн урушуңардан тажадым.

- Энеңди айт, какшанганын койсун.

- Мен эмне кылып жатам? - Алкынып кое берди.

- Апа дейм, болбодубу эми!

- Мени тыйгыча атаңарды тыйып алгылачы, чоң атаңарга орун ырастайын, сүйрөп келгиле, - деп ички бөлмөгө кирип кетти, - Анысы эми канча күн жатаар экен сасытып, карыганда жашоонун ага эмне кереги бар десең, өлгөндөн айрымасы жок, - деп силкине орун даярдап жатып сүйлөнүп жатты. Орузбай өзү барып арабага отургузуп алып келди, кыймылга келбеген буттары салдай болуп, эти качып арыктап сөөгү эле калган эле.

Темиркул шаарга кечке маал келди, иниси Келдибектикине бир келген эле, эптеп таап эшигин такылдатты эле бойго жеткен кыз ачты.

- Чоңойдуңбу кызым?

- Чоңойдум, кириңиз үйгө, - деп кыз көңүлсүз кабыл алды, колунда матадан тигилген баштык, ала келген эчтекеси жок эле.

- Атаң үйдөбү кызым?

- Келе элек, бекерчи эмес да.

- Ка-ап, шаарың түшкүр, бош турушпайт экен го, - Кейий ичке кирип отура кетти, сиркеси суу көтөрбөй, өзүн жактырбаган инисинин кызынан көңүлү сууй түштү: "Жана Бердибектин эле үйүнө барбай, жаман көргөнүн кара", - деп алды оюнда. Отурган жеринде көзү илинип канча убакыт уктаганы белгисиз, бак-бак эткен Келдибектин үнүнөн улам ойгонуп кетти.

- Кел-кел аке, - деп анын ойгонгонун көрүп келип учурашты ал,- Кандай келдиң, атам кандай?

- Баягыдай эле, жылыш жок.

- Эми жылыш болгондо кайда барат эле, сага убал болду, карыган немени багам деп, - дегенде Темиркулдун ачуусу келип кетти.

- Ой бала, эмне деп жатасың ыя, сенин ушунуң үчүн бакты беле ыя, өгөй энеге кор кылбайын деп Бердибек экөөңөрдү карап катын албай өмүрүн өткөрдү, айда болбосо жылда бир кабар алып койгондун ордуна айтканың бул, эк сага ушуну укмакка келген экенмин да, - деп ордунан ачуулуу турду.

- Аке, эми токсондон ашканда жакшы болуп кайда барат, өтө карыган адам өзү деле кызыксыз жашоодон тажайт чыгаар, - деп аялы Ася чыга калды ары жактан.

- Эк жолуңар болсун, - деп колун шилтеп босогону көздөй басканда Келдибек анын жолун тосо калп күлүп калды:

- Кайда барасың эми, чалдын акыбалын сурабаганыма кечир аке, таарынбай жылуу жумшак жатып алып эртең жумушуңду бүтүр, - деп болбой кайра киргизди.

- Мунуңар туура эмес, өзүңөр минтип турсаңар булар кантип улууну сыйлашат, кайнатанын батасын алсаң өзүңө жакшы балам, эртең эле силер дагы биздей болосуңар, - деп Темиркул диванга отуруп демин баса кайра сөзүн улады, - Ата-энеге кандай карасаңар балаңардан ошону көрөсүңөр, балдарга улууну сыйлоону үйрөткүлө.

- Кечир аке, эми шаар деген ушул экен да, анын үстүнө башынан шаарда өсүп орусча сүйлөп калышпадыбы, - Келдибек жайкай сүйлөп агасын жубатты. Бир аздан кийин келини тамак даярдап ага-инини чакырды, тамактангандан кийин Темиркулга төркү бөлмөгө орун салып берди, ал кыңкайып жаңы жатканда:

- Кыйраткансып акыл айтып коет, эмнеге келиптир агаң, көтөрүп келген эчтекеси жок, жарыбай жатып акыл айтат, өлө албай жатып өлөң айтат деген ушу да, жаман баштыгын башына жаздап алды го, алтыны барсынып, - деген Асянын үнү угулду.

- Бир келген немеге анчалык эмне сүйлөндүң, бүгүн келсе эртең кетет, болду угуп калат, - Келдибек аялына акырын эле айткансыганы менен Темиркулдун кулагына даана угулду, жаман сөз кулакка бат жетет деген ошол эмеспи. Темиркул капаланып келгенине өкүнүп жатып көзү илинип кетти. Эртең менен эрте турду да алар ойгоно электе кетип калмак болуп эшикти көздөй басып баратканда Келдибек артынан үн салды:

- Аке кайда жөнөдүң?

- Ажатканага барам.

- Жарыктык баштыгыңды коюп эле кой да.

- Ошондон ары кетем, - деди да чыгып кетти, Келдибек артынан чыгып иштеген жеринин дарегин жазып колуна карматты, түш ченге чейин Темиркул тиш доктурларга барды, алтын саткан күрөлөргө барды, өзү баягы тай туякты баарына көрсөткөндөн чоочулап бөлүп-бөлүп алган, кантсе дагы караңгылыгы да. Арзан-арзан өткөрүп ийип акчасын төш чөнтөгүнө салгандан коркуп жолукка ороп туруп белине таңып алды. Кечке маал Келдибекке жолукканы барса кетип калыптыр, Бердибектикин табаарына көзү жетпей мейманканага барып түнөп алууну ойлонуп сураштырып таап жатып алды да түндөсү акчадан бөлүп алып эртеси базар кыдырып атасына шейшеп алды, анткени Алымканды көргөндөн эле атасын азыркы күндөрүндө бир жакшы баккысы келип калган: "Бул менин балалык парзым, колумда жокто жок болдум", - деп ойлонуп төшөктөрдү көрүп андан беш-алтыны, эки-үч сыйра кийим-кече алды. Бир таксиге жүктөп адегенде өзүнүн үйүнө барды, жүктөрүн түшүрүп коюп акчанын көбүн катып бир аз акчаны бөлүп алды.

- Келдиңизби? - деди Орузбай көрүп эле.

- Келдим, атам кандай?

- Баягыдай эле.

- Ачка болгон жокпу, аны алып кетейин.

- Чай ичкиле ата, - деп Сейде сылык сүйлөп дасторкон жайып калганда: "Буга кандай күн тууду, акыраңдап эле турчу эле", - деп ойлонуп Темиркул келинине ыраазы боло отуруп калды.

- Ата, Райканга куда түшүп келгени жатат, - деди Орузбай маанилүү сөзүн баштап: "Атамдын каткан акчасы бар, экөөнүн пенсиясын бүт жок кылбайт, атамдан акча сура", - деген Сейденин сөзүнөн улам айтып жатканы эле.

- Ким экен куда болчу киши?

- Арыкбайды билесизби?

- Жакшы-жакшы, билбей анан.

- Ошолор үч үндөн кийин келебиз дептир…

- Жакын калган тура.

- Ооба, колдо жокто…

- Жок-жок дебей элчилеп аракет кылсаңар боло, Султан эмне кылып жүрөт, иштебейби ыя? - деди Темиркул ушу саам ачуулана.

- Каерге иштейт, айылдагылардын баары эле колоктоп бош жүрүшөт, - деди Сейде.

- Мен силерге жыйырма миң сом берейин, атам экөөбүздүн пенсиябыздан чогулганы, - деп чөнтөгүнөн алганда Сейде шыпылдай шашып сууруп алчудай комдонуп отуруп калды, - Эртең Райканды мага жибергилечи, чоң энесинин бергенин берип кутулайын, - деди да ордунан турду. Ал кайра арабага салып Бусурманды алып кетти, барып төшөктөрүнө шейшеп салып атасынын алдына бийик кылып салып жаткырды, өзү дагы ошентти, жаткандан кийин оор күрсүнүп алды: "Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин", - деген туура, аз өмүрүм калса дагы беш күнүн адамча жашап өтөйүн деп ойлонуп көңүлү жайлана уйкуга кирди. Ошонун эртеси Сейде тамак жасап алып келип аябай таң калды, сыртта кайнатасы көп жылдан бери тер жыттанып, киринен майланышып жылтыраган төшөктөрү турат, өрттөй турган кылып үйүп коюптур: "Муну эмнеге чыгарып койду, атабыз бирдеме болгонбу", - деген ойдо үйгө кирсе баштагыдан таптакыр башкача, болгону ыш болгон дубалдар гана күңүрт тартып турганы болбосо таптаза, жерге кийизден башка килем, паластарды салып коюптур. Бусурмандын жаткан жери ап-пак шейшеп, пар жаздык: "Кайнатам оңолуп калганына караганда апасы бирдеме берген экен", - деп ойлоп жойпулана дасторкон жайып тамагын койду.

- Ата, үйдү балдар келип актап беришсинчи, жакшы кылыпсыз атамдын дагы канча жашы калды ким билет, аз болсо дагы таза жатып тазараак болуп…

- Балам, Райканды жибер дебедим беле? - деди Темиркул келининин сөзүн укпагандай, - Султанаалыны дагы жибер үйдү акилеп койсун.

- Макул ата, Райкандын колу бошобой кийим тиктирип жүрөт кечке маал келсин.

- Мейли, Орузбай өзү келсинчи, мына бул мешти күбүбөсөк ыштап калыптыр.

- Бар балам, эртерээк келишсин, күн кыска.

- Ма-акул, - деп коюп Сейде эшикти көздөй жөнөдү: "Бул шүмшүк бирдемени жашырып жатат, канча берди экен, аябай көп берсе керек, Орузбайды сурап көр дейин", - деп ылдамдай басып бул жаңылыкты күйөөсүнө жеткирүүгө шашыла үйүнө кирди, жаңы эле сырттан кирип мешке жылынып отурган күйөөсү:

- Кандай, эки чал жакшы жатыптырбы? - деди.

- Тим эле айлап-жылдап көрбөгөндөй сурайсың да, аларың тим эле апаппак шейшепке оронуп жатып калышыптыр! - деди сиркеси суу көтөрбөй, - Бая күнү апасы ага укмуштуудай көп акча берген окшойт, үйдү актап беришсин деп чакырып жатат, бар дагы акча сура, куда түшүп келсе элге көрүнчүдөй кылып тосуп алалы.

- Кайдагыны айта бербечи, экөө тең ай сайын үч миңден алышат, ошонусун урунгандыр да, бербедиби кечээ жетет ошол!

- Болуптур, эми барып көрсөң өлөсөөлү чалдардын кандай болуп калганын, бир кен тапкандай эле көрүндү, - деп Сейде жебирей бергенинен Султанаалыны ойготту да жөнөй берди: "Өмүрдү бир тажаал аял менен өткөрдү, "ач бол ток бол, жаның тынч болсун", - деген сөздүн калети жок туура", - деп ойлонуп аркы көчөдөгү атасынын үйүнө жетти. Ал барып эчтеке дебеди, Султанаалы аки чылап, өзү мешин күбүп кечке жүрүштү, кечке маал үй ичи жаңырып баягы жыты кетип тазара түштү.

- Оруз, - деди чай ичип отуруп, - Эртеңки базарга чыгып мал алалы, мен Ноорузга дагы өзүнчө алайын, кыш түшө электе короолорду оңдогула, Султанды шаарга жөнөтүп келсин деп чакыралы, асты Сейдеге эчтеке айтпай тур, малың болсо баары болот, - деди олуттуу.

- Ма-акул ата, келиниңдин тилин алып силерди ээн калтырып койгонума өкүнүп турам, ойлосом өзүм дагы картайып баратам, мына булар кандай кылат ким билет? - деп жаңылыштыгы үчүн кечирим сурады Орузбай.

- Эчтеке эмес, балдарың турат, тилин албасаң болбойт, - деди Темиркул, - Сен буга кийим-кече алып ал дагы эртең эрте кел балам, жолуңа берип жөнөтөйүн, - деп Султанаалыны карады.

- Макул чоң ата.

- Кандай мал алабыз ата? - Орузбай атасын суроолуу карады.

- Эки-үч кунаажын, беш-он кой менен мингенге бир ат алып берем, - дегенде нымтырай отуруп калды: "Чын эле Сейде айткандай апасы көп акча берген окшойт", - деп ойлонуп ийди, - Аларды Ноорузбай экөөбүзгөбү?

- Сеники болот, Ноорузбайга өзү келсе алып берем.

- Макул, - Орузбай башка эчтеке сурабады, бирок абдан кубады: "Азырынча Сейдеге айтпай кое турайын, билсе башты оорутат", - деген ойдо кетмек болгондо Темиркул.

- Тиги Атамкул үйүнөн семиз кой сатат деди беле? - деп сурап калды.

- Ооба, эмне кыласыз?

- Бир союш алып сой, атам шорпо шилең ичсин, күч-кубат болот, - деп ага үч миң сом берди, - Өз үйүңө сой дагы бизге жарты этин берип ий.

- Мейли, - деп акчаны алып жолуна түштү, Султанаалы болсо кийим-кече сатчу дүкөнгө бая эле кеткен, Орузбай кеткенден кийин Райкан келди.

- Чоң ата, мени чакырттыңыз беле?

- Кел кызым, айла-анайын десе, - Темиркул небересин чекесинен өөп, - Отур, чай ич, - деди.

- Кардым ток ата, тамак жасайынбы?

- Жок, тамак бар, - деп өйдө туруп барып атайын бөлүп койгон билерик, сырга менен сөйкөнү алып келди, - Муну чоң энең сага бер деп берген, жаңы турмуш жолуна аттанганы турасың кызым, ушуну Алымкан чоң энеңдин белеги катары алып кой, - дегенде:

- Ай-ий чоң ата, аябай кооз го, - деп Райкандын кубанычтан көздөрү жайнап кетти, - Чо-оң рахмат сизге, - деп кучактап эки бетинен өөп жиберди.

- Рахматты Алымкан чоң энеңе айт кызым, буй руса көзү тирүүсүндө бир чакырып силерге тааныштырам го, - деп ойлуу отуруп калды:

- Чоң ата, эмнеге ага каттабай жүрдүңүз?

- Ээ балам турмуштун оор азабы мага түшкөндөй болду окшойт, чоң апаң өтүп кетти, андан кийин атам ооруп калды, атаңды, Ноорузду үйлөнтүү менин моюнума жалгыз жүктөлдү, же жакын ага-тууганым жок, эске деле келбей калат экен да.

- Чоң энебиз аябай жакшы киши го ээ?

- Абдан жакшы киши экен, мен деле атамды ээрчип алты-жети жашымда баса берип анча билген эмесмин, - деп шуу эттире үшкүрүп ийди, - Бара гой балам, жуучулар келсе дагы карап отурбасмын, буйруса жакшы узатабыз, - деп дагы жүзүнөн өөп бооруна кысты, - Бактылуу бол садага, кайын журтуңа алымдуу, сый-урмат кылган жакшы адам бол кызым.

- Рахмат ата.

- Алкаган ар бир сөзгө "Айтканыңыз келсин", - деп жүр кызым, рахмат деген орустардын эле сөзү, өз тилиңди унутпа кызым, - деп мээримдүү жылмайды, - Улуу-кичүүнү сыйласаң өзүң сый-урматка татыйсың кызым.

- Макул чоң ата, сиздин айтканыңызды эсимден чыгарбайм.

- Ошент сагада, чоң энең болсо менден дагы жакшыраак акыл-насаат айтып көп каада салтты түшүндүрмөк, - деп терең үшкүрүп алганда Райкан дароо эле түшүндү, анткени Сейде уул-кызына акыл-насаат айтмак турсун алкылдагандан башканы билбегенин жакшы билет, дароо сезди, - Бара гой кызым, - деп Темиркул аны узатып карап турду. Ошентип аз убакыттын ичинде Орузбайдын эшигинде күтүрөп мал толду, чөп сатып берди, Ноорузбайды аялы менен алып келип ошол жылы кыш оор болуп чөбү жок арзан саткандардан мал алып, Темиркул эки баласына бирдей курулуш материалдарын өзү түшүртүп берди, Райканды күйөөгө узатышты.

Темиркул сакалын алып, мурутун тегиздеп кийимдин тазасын кийип калганда эл аңыз кеп кылып бири көрө албай айтышса, бири жөн гана угуп тим болот.

- Темиркул бир жерден кенч тапкан го, мынчалык тез оңоло албайт эле, - деп бир айтса.

- Ой тиги Ноорузбай иштеп таап келген го, бир тууган деп ушуну айт, агасына кошо караган, - деп бири толуктайт.

- Андай да, мындай дагы эмес, Темиркулдун өз энеси илгери Камчыбек деген байдын көрөөр көзү болгон имиш, башка балдарына бербей ошого байлыгын таштаган деп айтып калышчу, ошол энесине өткөндө барып келишиптир, - деди жакын коңшусу Салый, - Тиги өз келини эле айткан.

- Ушунча жылдан бери карабаптырбы?

- Аны Камчыбектин улуу аялынын балдары куугунтуктап кетирип ийиптир, Бусурман намыстанып баласын каттатпай койгондур да.

- Эмнеге намыстанат, куру намыс баш жарат дегендей жокчулуктун азабын тарткыча, эми эмне болду, токсонго жакындап калды кор болду байкуш.

- Койчу, Темиркул байкуш аялы жок болсо дагы өзү карап багып жатпайбы, келини гана дурус эмес, - дешип ар кимиси ар сөздү айтып айыл ичи дүң эле болуп жатты.

- Ой тиги бир туугандары укмуш турат имиш, Темиркулга кийиттин кымбатын кийгизген имиш, - деди дагы Салый, - Тиги Сейдеге күйөөсү экөөнө тең өмүрү жонуна илбегенди кийгизген экен мактанып жүрбөйбү.

- Эми жок, ошол жакшы болсо эки чалды жалгыз таштабай багып отурбайт беле, карынын батасын алса эки дүйнөдө ыраазы болуп, өзү дагы жакшы болмок, оозундагы сөзүнүн жугуму жок дешип Сейдени жамандап жаттышты. Бул кезде Сейде дагы эле күйөөсүнө какылдап сүйлөп:

- Деги сенде баш жок, көрүнө көтөрө кете тургансыбай акчалай кенен-кесир берип койсо өлөбү, былжырабай айтсаң боло.

- Болду, ушуга дагы ыраазы болушуң керек, экинчи дагы атамдарга бир сөз айтып көр сени аябайм, ушуну билип кой, ансыз дагы элдин көзүнчө басып жүрө албай калдым, атасын карабай бөлүнүп кетип, кароосуз калтырдым, - деп ачуулуу тура калганда өзүн андан оолактата нары боло берди:

- Болуптурчу, сүйлөбөсөм кутуламбы?

- Экинчи ашыкча сүйлөбөй жүр.

- Оозумду жаап алайынбы?

- Тигип ал! - деп сыртка чыгып кетти, Сейде туйтулдап кала берди…

Калдар сексенге келип калган кези, Таттыгүл дагы картайганы менен балпайып уул-келиндеринин сыйын көрүп төрдө отурган кези, жети баласы бар, эң кенжеси Айкыз он сегизге толуп көзгө көрүнүп, мен деген жигиттердин көзүнө түшүп турган кези. Арагүлдүн өтүп кеткенине бир топ жыл болгон. Эки кыз беш уулу бар, баары өз-өзүнчө үй күтүп Айкыздан улуу кызы Аккыз эки балалуу болуп калган. Айкызга ар жак, бер жактан сөз салгандар болсо дагы кыздын эч кимисине көңүлү келбеди. Карыган ата-эне кенже кызынын көңүлүнө карап өз оюна коюшуп келгендерди кайтарып жаттышты. Айкыз Султанаалы менен сүйлөшүп жолугуп жүргөн, ал азыр абдан бактылуу, үйү бүтсө күздө үйлөнөм деген ою бар. Айкыз көздөрү карагаттай татынакай кыз, бир кемчилиги кичине кезинде эркелеп жүрүп кекечтенип кетет. Султанаалы анысына караган жок, Айкыз менен сырдаш бир курбусу бар эле, Гүлдана деген, ал экөө бир күнү сүйлөшүп отурушту.

- Гүлдана, - деди, Айкыз, - Мм-мен би-бир сөз айтайынбы?

- Айта бер, ал кандай сөз экен?

- Мен бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм, ки-кийин ссен ттаарынып ж-жүрбө, жа-жашырдың деп анткени ссен ме-менин сс-сырдашымсың да, - деди жаркылдай күлүп.

- Ким экен ал мырза жигит?

- Султанаалычы…

- Ошону мененби? - Гүлдана көздөрүн чо-оң ача, оозун колу менен баса күлө карап курбусун жонго чаап койду, - Чын элеби?

- Ооба, жакында таанышканбыз да, - деп шар сүйлөдү, кээде шар кетмей адаты бар, - Анан ке-кече ал ма-магачы сүйөм де-дебедиби?

- Ой укмуш, - Гүлдана ошенткени менен ичи тызылдап аны кызганып кетти, - Айкыз, анын ата-энеси начар тураарын билесиңби, өзү колоктоп бош жүрөт, кантип жашайсыңар?

- Кк-колунда ж-жок болсо эмне э-экен, бири-бирибизди сүйсөк бо-болду да.

- Атаңдар береби анан?

- Атам м-мен айтканды кылат, а-айтканыңды а-аткарам деген, - деп Айкыз кубанычтуу күлдү, - Сс-Султанаалы к-кандай ыя? - Гүлданага кадала карап калды.

- Жакшы эле го, бирок өтө көйрөң, мактанчаак неме, билбейм сага жакса өзүң билесиң го, сүйүү деген курулай нерсеге ишенип өзүңдүн тагдырыңды бузуп албасаң болду, - деди аны бузууга аракеттенип.

- Жок, мен ССултанаалыга ишенем, ал мага жагат, - деди Айкыз дагы өз оюн бербей. Ошол убакта алардын жанына Султанаалы келип калды:

- Кандайсыңар кыздар? - Кол суна экөө менен учурашып Айкыздын эки бетинен өөп койду, - Турган экенсиңер эрмештешип.

- Ооба, өзүбүзчө эрмектешебиз, бирок анча-мынча жеңил-желпи жигиттерге эрмек боло койбойбуз, - деди Гүлдана жактыра бербегендей, анан Айкызга кайрылды, - Мен барайын, силер сүйлөшө бергиле.

- Бби-биз мменен турбайсыңбы?

- Жок, жумушум бар.

- Мм-ма-акул, - деп Султанаалыга карап жылмайып койду.

- Курбуңузду жалгыз таштайсызбы чоң кыз? - деди Султанаалы.

- Сиз турбайсызбы, зериктирбессиз, - деди да тез-тез басып кетип калды, бирок ичи тызылдай сымбаттуу жигиттин өзүнөн пас деп эсептечү Айкызга ашык болуп калганына жини келип турган эле, ал үйүнө барбай жолдон Султанаалынын өтөөрүн карап күтүп калды.

- Айкыз, акыбалдар жакшыбы?

- Дурус, өзүңүз к-кандайсыз - деди кыз так сүйлөөгө аракеттенип, жүзү албыра.

- Мен сени менен жолугууга атайын келгенмин… - Султанаалы кызды бир азга тиктеп туруп калды, - Айкыз, сен мага турмушка чыгасыңбы?

- Бб-бильбейм, - Кыз жер карады.

- Мен ушу күздө үйлөнөйүн дегенмин, ата-энең макул болобу?

- Ээ-эмнеге сс-сурайсыз? - дегенде Султанаалы кызыктай болуп кетти, ал мынчалык кекечтенгенин байкаган эмес, бир-эки эле жолуккан, анын үстүнө Орузбайдын айтканы эсинен кетпей: "Экөөнүн ортосунда билинбегени менен татаал сыр бар экен, балким ал атамдын атасы өз атасына өгөй болгону үчүн эле жерийт окшойт, бирок экөө тең эле картайышпадыбы, эмнеге кектешмек эле", - деп ойлонуп Айкыз менен жолукканы келген, бирок анын кекечтенгени аны кызыктай абалга салды.

- Айкыз, ата-энеңе айтып көрбөйсүңбү? - деди көңүлсүз.

- Ээ-мне деп а-айтам?

- Мага турмушка чыгаарыңды, - деди сынай, сүйлөгөнүн даана уккусу келип.

- Аа-атам ме-менин айтканыма к-каршы бб-болбойт.

- Анда жакшы экен, дагы жолугушабыз ээ? - деди да көптөн бери көксөп көбүрөөк жолугушуп, сүйлөшүп сөзгө канбаган убакыттарды бирге өткөргүсү келген жигит анын жанынан бат эле кеткиси келип кетти: "Балким сулуулугуна эле азгырылып сүйөм деп жүрсөм керек, же кекечтиги сүйүүгө тоскоолдук кыла албас, дагы ойлонуп көрүп анан чечишим керек, чын эле мен аны катуу сүйөттүрмүн, андай болсо мени бир сезим бийлеп унутууга жол бербес", - деген ойдо кыздын көздөрүнө тигиле карап туруп артына шарт бурулду. Кыздын каректери жашка толо түштү, ал өзүнүн ушундай төрөлүп калганына ызаланып артына карай жүгүрүп үйүнө кирди да:

- Эм-эмнеге мени тан-тантык кы-ылып төрөдүң эл-эле?! - деп буркурай жай, капарсыз отурган апасын кучактап ыйлап жатты.

- Эмне болду жарыгым, ким сени ошентти? - деп жалбарып ийди Таттыгүл эне.

- Ээ-эч ким а-ай-айткан жок өзүм эле.

- Садагаң болоюн десе, сен биздин жарыгыбызсың, беш агаң эжең бар, сени мазактагандардын сазайын берет кызым.

- Жок ан-андайдын кереги жо-жок.

- Анда эмнеге минтип жатасың кызым, өзүңдү чөгөрө бербе - деп эне кызын сооротуп жатты. Султанаалы ойлуу кетип жатканда баятан бери күтүп турган Гүлдана капысынан келе жаткан болуп алдынан чыга калды:

- Аа-а, тез эле кайттыңызбы, курбумдун көңүлүн ачууга үлгүрө албагансыз го? - деди ал мыскылдуу жылмая.

- Ооба, шашып турдум эле, жолугуп эле кайттым.

- Неге, ошончолук шашылыш ишиңиз бар беле?

- Ошондой, - деп Султанаалы жөнөй бергени калганда Гүлдана сырдуу карап:

- Курбумдун келбети менен акылында кеп жок, бир гана айыбынан сизге окшогон жигиттер чанып кетип жатат, балким сиз дагы кайрылбас болуп бараткандырсыз? - деди.

- А сиз аны кайдан билесиз?

- Жуучу көп келет, сүйлөшкөнү келгенде эле карааны үзүлөт.

- Кызык экен, мени ошондой деп ойлойсузбу?

- Көп эркектен айрымаңыз байкалбайт.

- Көзүңүз ачык экен, ошондой болгондо сизге кандай пайда?

- Пайда эмес, тескерисинче курбумдун жүрөгүнүн ооруганын каалабайм, - деди жигитке тике карап.

- Сиздин башыңыз бошпу?

- Бош десем не дээр элеңиз? - Бырс этип күлүп калды.

- Деги айттым да, кыздар түрлөп кийим кийип, өзүнө каранып калганда эле жигит күтөт имиш деп уккамын.

- Ошондойбу? - Андай болсо мени жактырып сөз айткан жигит али көрүнө элек, - Гүлдана акырын жер карады, - Балким жигиттер сүйө турган кыз эместирмин.

- Коюңузчу, кыздардын кырк амалы болот экен, же таарынышып кеттиңиз беле? - Султанаалы кызга көңүл бура жылмая карады.

- Мен сиздин алдыңызда актанууга же даттанууга акылуу эмесмин деп ойлойм?

- Туура, сизде такып суроого менин деле акым жок.

- Макул, убактыңызды алып койдум окшойт, жолуңуздан калбаңыз, - деп Гүлдана жолун уламак болгондо Султанаалы токтотуп калды:

- Шашылыш ишиңиз барбы?

- Сизди кармагым келбеди.

- Андай болсо бир азга убактыңызды бөлүп койбойсузбу?

- Эмне демекчисиз?

- Сүйлөшүп турсак дегеним да.

- Эмнени сүйлөшөбүз?

- Сөз көп, курбуңузду качантан бери билесиз?

- Бутубуз чыгып тилибиз сүйлөгөнгө жарагандан бери.

- Баштатан эле ошондойбу?

- Кандайын сурагыңыз келет?

- Эм-ии…

- Аа-а түшүндүм, сиз такалып сүйлөгөнүн айтасыз го, бирок ал айып эмес деп ойлойм, бир ошонусу үчүн курбум бактысыз болушун мен каалабайм, - Гүлдана ушул саам канчалык бул жигитти каалап турса дагы курбусуна боор ооруп аяп кетти: "Биз бири-бирибизди сүйсөк болду да", - дегенин эстей өзүн күнөөлүү сезип кетти.

- Жок-жок, мен андай дегеним жок, - деп Султанаалы кызаңдай түштү, - Гүлдана чынында мен аны менен сүйүү романын деле өткөргөнүм жок, сүйөм деп айтканым да жок, болгону капысынан таанышып калганбыз, анан кээде сүйлөшүп калабыз, сиз башкача түшүнүп калсаңыз керек?

- Чынында мен дагы билбейм..

- Ооба, биз сиз сыяктуу эле таанышпыз.

- Ошондой экен, мага аны неге айтып жатасыз?

- Жөн гана, - Султанаалы күлүп ийди, - Чын эле, неге сизге айтып жатам, а-аа баса, сиз бул айылдан көрүнчү эмес элеңиз, чын эле мен биринчи көрүп жатам.

- Шаардагы агамдыкында эки жыл жүрүп жакында келдим, андан мурун Айкыз экөөбүз бирге өсүп, бирге окудук.

- Ошондой, жигит болуп, кыздарга көз сала турган убакта сиз шаарда экенсиз да? - деп шыпылдай күлүп калды, - А мен кантип эле мага жага турган кыз ушул айылда жок болсун деп жүрбөйүнбү?

- Ыраспы, анан дагы эмне дегиңиз келет? - Кыз күлүмсүрөй карады.

- Мына, эми таптым десем болот, - деди Султанаалы, өзүнүн кыздарды кайдыгер калтырбасын сезген өңдүү.

- Сиз өзүңүздү ойлодуңуз, башка жөнүндө ойлогуңуз жокпу?

- Себеби?

- Себеби мен жөнүндө, балким сизди жактырбасмын.

- Андай болсо байкап көрөм, жакпай баратсам бакача секирип, итче үрүп, арстанча күркүрөп коркутууга өтөм.

- Чын элеби? - Анда дагы болбосомчу?

- Анда бул айылда басып жүрбөгөнгө аракет кылам.

- Ошондойбу?

- Дал ошондой, Гүлдана мен сени сүйөм!

- Бул сөзүңүздү канча кызга айттыңыз экен?

- Биринчи жолу чын дилим менен сага гана айтып жатам.

- А кимдерге калп сүйөм дегенсиз?

- Эми-и ооз учунан болсо болгондур, бирок берилип сүйбөптүрмүн Гүлдана, жолугушуп сүйлөшүп туралы, бири-бирибизди байкайлы, кандай дейсиз? - деди маңдайына келип, Гүлдана чын сүйүүнүн алдында өзүн алсыз сезип, өзү каалаган адамдан өзү күткөн сөздү укканы менен көз алдына Айкыздын кубанычтуу айткан сөздөрү келип аны аяп кетти: "Ал дагы мендей эле адам, мендей эле келечегинен бактылуу күндөрдү күткөн кыз, анын дагы жүрөгү бар, жанараак эле өз сезимдеринин ыйык сырын жашырбай айткан курбума эртең мен анын бактысын тартып алгандай болом го, жо-ок мен андай кыла албайм", - деген ой башына келип:

- Айкызды кантесиз? - деди сырдуу да сынай да карап.

- Гүлдана, мен ага сүйөм дегеним жок, жөн гана тааныш катары жолуктум.

- Балким ал башкача түшүнүп алса, башка бирөөнүн сезими менен ойноп, жүрөгүн оорутууга болобу?

- Менимче Айкыз деле түшүнөт деп ойлойм, сүйлөшүп койсо сүйдү деп, карап койсо өптү дей турган кыз болбосо керек ал.

- Туура, ал андай кыз эмес, бирок өтө чынчыл, ишенчээк жумшак мүнөз кыз.

- Мен дагы ошондой деп ойлойм, Гүлдана эртең киного барып келбейлиби, жакшы кино коюп жатыптыр.

- Жок, апам азыр күтүп калды, жумуштар менен чыктым эле издеп жүрбөсүн? - деп тынчсыздана кетти кыз, - Бүгүнчө сүйлөшкөнүбүз ушул болсун, жакшы калыңыз, - Күлүмсүрөй кадамын таштады.

- Жакшы бар Гүлдана, эртең ушул учурда ушул жерден күтөмүн!

- Көрөбүз, жолугушканча жаш жигит! - деди да жүгүргөн бойдон ары көздөй кетип баратты. Султанаалы аны ойлуу карап туруп анан өзүнчө эргий үйүнө жөнөдү… Бул убакта Айкыз тултуюп ата-энесине таарынып отурган, Калдар кызынын мындай түрүн көрбөгөн эле, эми ага жакын отуруп:

- Кызым, өзүң эле кыжаалат боло бербей ачыгын айт, ал ким экен, сени кемсинткен, мен картайдым, бирок беш-алты жигитке моюн бербейм, алышсам алым жетет, кана ким сени капалантты? - деди чачынан сылай.

- Эч ким дебедимби, - Айкыз терс карап кетти.

- Кызым, ачыгын айт, болбосо эшик тындырбай келип жаткан жуучулардын бирине берип ийем, - деди Калдар ачуулана.

- Ата, мен башканы сүйөм, ал мени сүйбөйт?

- Эмне дейт? - Калдар аялын карады, - Бу кызың эмне дейт, сообу деги? - дегенде Таттыгүл чыйпылыктап жиберди.

- Атасы, анчалык ачууланбачы, кызың эркелеп жатат го?

- Өзү-өзүңөр э-эркелетип т-тилимди т-тантык кк-кылып койгонсуңар да, - деп өпкөлөп ыйлап ийди.

- Кагыйлайын ай, сени ким айтты, тантык деген ким өзү?

- Айтпайм, - деп ички бөлмөгө кирип кетти, Калдардын жашоосу ойдогудай эле, баары бар, балдарын өз-өзүнчө энчи берип үй салып бөлүп койгон, бала-чакалуу, неберелери кечке ойноп келип кээде кетсе кээде кетпей жатып калышат. Кызына септи жакшы берген, ал өзүнчө бактылуу.

- Бу кызың алданып калган жокпу? - деди Калдар аялына ачуулуу карай, - Соо эмес, жүзүмдү жер карата турган болсо сен таарынба байбиче.

- Койсоңчу кайдагы сөздү, Айкыз андай кыз эмес атасы.

- Эртең кызыңды даярдап түшүндүрүп айт, көптөн бери мага сөз кылып жүргөн Кулубектин баласына беремин, эртең алар кудалап келишет, - деди күпүлдөй.

- Ботом, кызың болоор бекен?

- Ушуга чейин күттүм, өз оюна койдум, эми муну күйөөгө өзүм берем! - деди да сыртка чыгып кетти.

- Кудай сактай көр, кырсыгыңдан сакта, тынччылык эле болсо экен, бу кыз кандай тагдырга туш келээр экен деги? - деп Таттыгүл кызынын бөлмөсүнө баш бакты, - Кызым атаңдын ачуусун келтирбей айтсаң боло.

- Э-э-эм-нени айтам а-апа?

- Сен ушинте берсең Кулубектин баласына берем деп жатат.

- Ээ-эмне-е? - Кыз тура калды, - Атам о-ошенттиби? - Көздөрү жаштуу алая карады.

- Ооба кызым, атаң айтканын кылаарын билесиң го?

- А-а-апа, ммң-мен Су-Султанаалыдан башкага барбайм! - деп жиберди кыз, ошондо Таттыгүл кызын бир ормое карады да.

- Султанаалың ким кокуй? - деди чо-очулай, - деги соосуңбу?

- Ап-апа, менден ккоркпочу, соо э-элемин, мен а-аны ссүйөм! - деп апасын кучактап калды.

- Ок, сүйбөй сүмүрөн кал, ал сүйбөсө сенин сүйөм дегениң кантип болсун, муну атаң укпасын, - деп өйдө болгондо жанараак сыртка чыгып кеткен күйөөсү кирип келе жаткан экен.

- Ким экен, кана азыр акыр кыямат болуп кетсе дагы айт, ким ал, кимдин баласы?

- Кайдан билмек эле, баланы тааныса керек, - Таттыгүл коркок билиш боло бөжөңдөй калды.

- Ата, мме-ен ббашкага тийбейм, а-андан к-көрө өлөм! - деди Айкыз өңгүрөй.

- Кимдин баласы экенин айтпайсыңбы?

- Орузбай дегендин, коңшу айылда жашайт.

- Ыя, Орузбай дедиңби? - деп Калдар бир азга ойлоно түштү, Бусурмандын Орузбай деген баласы бар экенин билчү, Бусурман экөө бири-бирин көргөндө тиши кайрашып жүрүп оңдуу сүйлөшүшчү эмес, бир жолу Калдар экөө айтыша кетип: "Катының көрөөр көз болуп сени таштап кеткенине мактанасыңбы", - деп айтканда ал: "Сенин ач көз канкор атаң зордоп алып кетип айрыган бизди, ал мени эч качан таштамак эмес, сен эле жыргадыңбы, сенин апаң дагы токол болгон ага, кана сенин Камчыбектин өз тукумуна кошулганың", - деп Бусурман айтканда ал аны муштап ийди эле экөө мушташып жанындагылар зорго ажыратышкан, ушуларды ойлогон Калдар: "Аттиң, күнү батча тууган-тууган деле болбойт экен, Кадырбек менен Сабырбек өлгөндө дагы айтышпады, мен өзүм барбадым, энелешим жогунан жалгыздыктан кейип калганым болбосо балдарымды кубат кылып жашап калдым, картайдым эми, мага уруш-талаштын же жоолошуунун кереги не", - деп ойлонуп көпкө тунжурап отуруп калды эле:

- Ыя атасы, эмнеге унчукпай калдың? - деди Таттыгүл.

- Ыя, эмне дедиң?

- Ойго чөмүп кеттиң го, Орузбай дегенди билчү белең?

- Билем байбиче, - деди да сырткы бөлмөгө чыкты, андан кийин Таттыгүл унчукпады, Айкыз эчтеке ичпей, эшикке чыкпай: "Намыстанып өзүн бирдеме кылып алабы", - деп коркот. Эртеси Калдар эч кимге айтпай атын токуп минди да бастырып кетти. Ал Бусурмандын ооруп жатканын уккан, бирок барып көргөн эмес: "Жаш кезде биз курч элек, эч нерсеге баам салбаган ала көөдөк кез өттү, эми жашыбыз өтүп өмүр менен өлүмдүн аралыгынын көз ирмемчелик экенин сезип, өткөнгө өкүнүп турган кезде бир барып сурап коеюн, ооруну сураса айыкканга тете, - дешет эмеспи, эчкиникиндей жашыбыз калды, кечиришели дейин", - деп ойлоп аркы өйүздөгү калың айылдын четиндеги дөңдөгү үйдү көздөй ылдамдай бастырып баратты. Ал кетээри менен эле аларды сураштырып Теңирберди келип калды, ал өзү эле эмес Курманбек улуу баласы, Акматбек болуп төртөө келген, Кулматты атайын шаардан чакыртып алган. Алар келгенде Таттыгүл чыга калып чоочун адамдарды бүшүркөй карады:

- Ким керек эле? - деди анан.

- Калдардын үйү ушулбу?

- Ооба-ооба.

- Үйдө бекен?

- Ал жок эле, - Таттыгүл: "Уяттуу адамдар экен, үйгө кир дебесем болбойт го", - деген ойдо, - Үйгө киргиле, алыстан келе жаткансыңар го? - деди сыпаа.

- Кирели жеңе, мынча келгенден кийин жөн-жайыбызды айтпай кетсек болбос, - деди Курманбек күлгөн болуп, - Тааныбай дагы калыпсыз.

- Ботом, ким элеңер, тааный албай турам.

- Биз тууган издеп келдик, картайганда балдарды тааныштырып, тирүүбүздө катышып, өлсөк бир жерде бололу деген ой… - деди Теңирберди, алдыда жол баштап келе жаткан Таттыгүл эшикти ачып ичкери карай колун жаңсады, - Киргиле үйгө, жай сурашып учурашканга убакыт болоор, - деди.

- Аа-а жакшы-ы, - деп Курманбек Теңирбердиге карады, - Кирели кана?

- Сен кир, улуураак эмессиңби.

- Биссимилла, - деп үйгө арыш таштады Курманбек, - Акем качан келээр экен? - Төрдөн орун алышты. Таттыгүл Айкызды тургузуп балдарын чакырып келгени жөнөттү да дасторкон жайып үстүн толтуруп термостон чай куюп сунуп жатып:

- Келген экенсиңер, акеңерди карыганда бир көргөнү, - деди.

- Келип калдык жеңе, туугандын ушунусу жакшы туура, анда биз жаш элек, атамдардын көзү өтүп кеткен, эми биз туугандарды баш коштуруп табышалы деп келип калдык.

- Келгениңер жакшы эмей, акеңер келгенче жай отуруп чай ичип эс алгыла, балдар дагы келип калаар, - деп Таттыгүл өзү жаңы келин болуп келгендеги чедирейген жаш бала Курманбекти тааныды көптөн кийин Теңирбердини көп көргөн эмес эле, анын Алымкандын баласы экенин баамдаган жок…

Калдар Бусурмандын үйүнө түз эле барды, Орузбай эшикте жүргөн, чоочун кишини көрүп басып келди:

- Ас-салоому Алейкум!

- Аллеки Салам, Бусурмандын үйү бекен?

- Ооба-ооба.

- Кандай жакшы жүрөбү?

- Жакшы эле, түшүңүз аттан, - деди атасынын эски тааныштарынын бири экен деген ойдо, Калдар аттан түшүп үйгө карай басты, - Ооруп жатат деп угуп көрүп келейин деп келдим эле.

- Ооба, атамдын ооруганын көп болду, - Аңгыча үйгө кирип келишти, Бусурман төшөктө көзүн ачып шыпты тиктеп ойлуу жаткан эле:

- Бусурман ал-акыбал кандай? - деди Калдар кирип көрүп эле.

- Жакшы, - Бусурман бир карап таанып башын буруп кетти, - Табалаганы келдиңби, атаңа адал эмгек кылып, эчтекесине кара санабай ысык-суукка, ач-тогума карабай жүрүп ушул ооруну таптым.

- Ээ Бусурман, мен сени табалап эмес акыбалыңды көрүп, өткөндөр үчүн кечирим сурашалы, кечиришели деп келдим, бир бутубуз жерде, бир бутубуз көрдө турган кезде экөөбүзгө араздашуунун не кереги бар? - деди Калдар жанына отуруп, - Ал кезде мен дагы, сен дагы жаш элең, бул дүйнөнүн убактылуу гана аманат экенин анда сезбегенбиз, туурабы Бусурман?

- Аның туура, - Бусурман тез эле жазыла башын бери бурду, - Келгениңе ыраазымын.

- Чынында экөөбүздөн тең кеткен экен ойлосом, ошол үчүн бири-бирибизди кечиришели, - деди Калдар күлүп, - Мен сени кечирдим курбум, келе колду!

- Мен дагы сени кечирдим, - Бусурман дагы кол берип күлө башын ийкеди, - Кекти каапырга берген дешет, жаш кезде эмне сүйлөп, эмне кылганыбызды билбей калат турбайбызбы, качан гана өмүрүң күүгүмдөп, батып бараткан күндөй кылкылдап, күнүң түнгө айланып, түбөлүк дүйнөнү көздөй сапар алаарда гана жасаган иштериңди талдай баштайт экенсиң, - деди Бусурман оор дем ала.

- Ооба-ооба, сен абдан эле жоомарт жигит элең, мен атамдын байлыгына чиренип, акты-караны ылгабай жүргөн кезим экен, кийин гана түшүндүм, байлыктын көзү сокур экен да, сенин жүрөгүңдүн жаралуу экенин билип туруп сүйлөгөнүмдү ойлосом уялып калчу болдум, - деди Калдар, жүзүндөгү тырыштар, аппак сакал-муруту анын пайгамбар жашынан өтүп, ошону менен эле бирге бакыбат жашаганы көрүнүп турат.

- Өткөндү ойлоп кечиришүү үчүн келгениңе ыраазымын Калдар, - деди Бусурман, - Ошол кезде Нооруздун аялы Шайгүл дасторкон жайып чай куйду, аркы-теркини сүйлөшүп отуруп анан:

- Ооруңдун дабаасы эмне болду экен? - деди.

- Жашымдан суук өткөн го? - деди Бусурман көңүлсүз.

- Дарыландыңбы?

- Жакшы эле дарыландым, этим тешилип кетти, тажадым акыры, өлүмдү гана күтүп жатам, - деди үнү каргылдана.

- Менде аюнун майы бар, ошону сыйпап көр, болсо ошондон бир болот, анан дагы көп жатпай бутуңду ушалагын.

- Эми басканда кайда бармак элем, андан көрө аманатын эртерээк алса деп ойлоп жатам, - деди Бусурман.

- Андай болбойт, мен сага жардам берем, аз болсо дагы өзүң басып, таза абаны каалаганча жутуп, көңүлүңдү өстүргөнгө жетеби, эртең мен сага өзүм келем, эми мен кетейин, - деди дагы дасторконго бата кылып өйдө болду, - Чөкпө, буйруса аракет кылабыз, - Орузбай менен Ноорузбайга кайрылды, - Көрүшкөнчө аман болгула балдар.

- Жакшы барыңыз, - дешип сыртка узатып чыгып аттандырып кайра киришти.

- Ээ ата, басып калсаң жакшы эмеспи, жүздөн ашкан киши деле жашоодон үмүтүн үзбөй жашайт турбайбы, өзүң болбой эле жүрөсүң, - деди Нооруз. Алардын жаңы үйү бүтөйүн деп калган, Орузбай келип-кетип турат. Ушул бүгүн Султанаалы үйлөнөм дегенинен келген, Темиркул бир иштери менен кеткен, ал жакындан бери аял алганга келин-кесек издеп жүргөн эле, балдары дагы каршы эмес, ошентип жашоолору оңолуп бараткан эле…

Калдар үйүнө келип эшигинин алдында машина турганын көрүп: "Дагы ким келди, кызың кургур тандап жүрүп тазга жолукпагай эле, жуучулар машинасын ичкери киргизип жай отурган го", - деп үйгө кирип келе жатканда эң улуу уулу Нурсултан чыга калды:

- Кайда жүрөсүз ата?

- Эмне болду балам, келгендер ким?

- Ата, сиздин инилериңиз экен, - деди акырын, - Үйгө кириңиз.

- Ээ алла, эстеген экен, бирок буларда эмне күнөө, көзүрлөрү өтүп кеткен да, - деп саамга оозгу бөлмөдө туруп анан ичкери кирди, - Оо келгиле меймандар! - деди аларды карай. Ошондо Теңирберди менен Курманбек тура калышты, алар менен кошо Акматбек менен Кулмат дагы турушту.

- Ассалоому Алейкум аке!

- Аллеки Салам! - деп кучакташып калышты, учурашып болушкан соң орундарына отурушту.

- Жакшы жатасыздарбы, убагында бала элек, эми минтип сизди издеп келдик, бири-бирибизди тааныйлы, балдарды жакындаталы деп адегенде Теңирберди мага барды, ал-акыбал сурашып турбасак болбойт, - деди Курманбек.

- Келгениңер жакшы, эстегениңерге ыраазымын, - деп Бексултанга кайрылды, - Балам, тур союшту жетелеп кел акеңдер бата кылса сое койгула, - деди бакылдай.

- Союшту тим эле коюңуз аке, - деди Акматбек.

- Кой балам, үйдө болбой калганымды кара, эми дагы кеч эмес, мынча келгенден кийин жата конок болгула, боорлошуп сырдашалы, - деп сакалын сылай Калдар аларды жайгарды.

- Ботом, тууган деген келгенден кийин жатат, сыйлай алса сый көрөт, сыйлай албаса чай болсо дагы ыраазы болот, - деди Таттыгүл, кирип-чыгып эки келини жумуш жасап жүрөт, Райымбек чай куюп отурут, Аманбек койду босогого алып келди.

- Кана, бата кылып коюңуздар.

- Омийин, кудаанын жолуна! - дешип бата кылгандан кийин койду кайра Бексултан алып чыгып кетти. Сүйлөшүп бакылдашып отурушканча эт бышып колго Аскарбек суу куйду, уулулата устукан тартып, үймөлөп табакка аш алып келди, чеке тердеп отурушуп тамактанышты, андан кийин ата-бабаларына куран окуп бата кылышты. Ошентип бир кезде күнүлүктүн айынан тарап кеткен бир атанын балдары бирин-бири издеп табышып бакылдашып отуруп кеч жаттышты. Эртеси Калдар алардын ар бирине кастюм шым, улуусуна чапан, пальто кийгизип анан узатышты. Алар кеткенден кийин аюнун майы менен бут оорунун дарысын алып алды да Бусурмандын үйүнө жөнөдү. Ошондон баштап Калдар өзү дарылай баштады, анткени эки жылдай бутунан баспай калып анан жакшы болуп кеткен. Өзү билгендей сыйпап карагандан он чакты күндөн кийин бутунун баштары кыймылдап калды.

- Эми дал ушундай кылып дагы он чакты күн өткөндө бутун кыймылдатып, масаж жасагыла, - деди балдарына.

- Макул сизге рахмат, - деди Ноорузбай. Калдар келген күнү эле бир кой союп ысык тамак жасап берип жаткан, ага кетээринде чапан жаап анан узатышты.

- Келип көрүп турам, жакшылап кыймылга келтирсеңер өзү басканга жарап калат, көп жылдан бери тарамыш тырышып калган, - деп Калдар жөнөй берди.

Күз болгондо үйлөрү бүтүп Орузбай кызын төркүлөтүштү, Темиркул жаңы тамга кирип коңшу-колоңун, куда-кудагыйын чакырып бата алды, көп өтпөй элүүлөргө барып калган аялды сүйлөшүп алып беришти, Алымканды балдары менен чакырып коноктоду, Бусурман ошол кезде аздап басып калган, бир таягы колунда, Алымканды Темиркул кетирбей алып калган. Көзү бүдөмүк болуп калган Алымкан төрдө отурган, Бусурман бөлмөсүнөн чыгып келип анын жанына диванга отурду.

- Алымкан, акыбал кандай? - деди картайса да үнү жаш кездегидей калтаарый.

- Шүгүр, өзүң жакшысыңбы?

- Кудай алмак беле, минтип жарым жан болуп жүрөм.

- Ошого дагы шүгүр де Бусурман.

- Тобо кылдым, он жылдап жылбай жатканда дагы сени эстеп жүрдүм, алланын салганына тан бербеске болбойт экен да…

- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы Бусурман.

- Адам бечара канчалык картайса дагы өткөндү эстебей кое албайт экен, - Бусурман терең дем алып алды, - Кудай алдында чыныңды айтчы Алымкан, ошондо өз макулдугуң менен кетип калганың чынбы, азгырылдыңбы байлыкка?

- Аттиң ушуну эртеби кечпи сураарыңды билгемин, - Алымкан шуу үшкүрүп алды, - Өз эрким менен кетсем кана, бийлигин жүргүзүп бечараны короосун кайтарган иттей көрүп турган адамдан корктум Бусурман, үч айга чейин мени ким камап жатканын билбедим, - деп Алымкан өткөнүнөн чала-чарпып айтып берди, - Ата-энемден корктум, сени мерт кылып коебу дедим, тагдырымдын мындай болоорун күтпөдүм эле, эми минтип алы күчтөн тайып, көздүн курчу кетип бүгүн эртең журт которчудай болуп чын дүйнөгө аттана турган убакта айтаар сөзүм калды дейсиңби?

- Асылым ай, тагам өлгөндө сага жолукпай кетип калдым, анда курч элем, ачуу-ызадан өзүмдү кармай албай жүргөн кезим эле, анын үстүнө аялым да ошол убакта өлүп калган, эки балам менен калганмын, апамдан Темиркулду сурап алып кеткенимде капа болгондурсуң?

- Жок, капа болгонум жок, уул бала болгон соң атасында болсун дедим, амандыгын тилеп кала бердим…

- Акылың тунук эле…

- Өткөн өттү, балдарыбыз көгала сакал болду, учубуз узарат деген ушул, биз кайгыра турган кез өттү Бусурман.

- Бирок жүрөктүн түпкүрүндө өкүнүч, арман менен ыза жууса кеткис болуп тура берет экен да.

- Аның туура, айла канча, тобо дейли.

- Апа, атам экөөңөргө келиниң даамдуу тамак жасап жатат, зерикпедиңерби? - деп Темиркул кирди.

- Жо-ок балам, тилегим сенин төрүңдө бир отурсам дедим эле, кудайга шүгүр, минтип чөбүрөлөрүмдүн дагы колунан чай ичип отурам, - деди Алымкан күлүмсүрөй, - Орузбайдын кичүү кызы үйүндөбү?

- Ооба апа.

- Ошону мага чакырчы, өзүмдүн белегимди берейин, бойго жетип калыптыр го ал дагы?

- Бойго жетти, Султанаалы үйлөнгөндөн кийин кетиңиз эми, буйруса сүйлөшөбүз, үйлөнөм деп оолугуп жатат, - деди Темиркул Алымканга карай.

- Болсун айланайын, учуңар узарып, укум-тукумуң кемибей-кейибей бейкутчулукта жашасын садагам, сен менин көз алдымда баягы торсолоңдоп жүгүргөн алты-жети жаштагы бала бойдон эле турасың, мезгилдин улуулугун, учкунун карачы, сенин көгала сакал чоң киши болгонуңду өз көзүм менен көрө албай дилим менен сезип, убакыттын өткөөлдүгүнө тан берип отурам, - Үшкүрүп ийди.

- Кайгырганда эмне апа, бизди сиз гана кайра жашоого алып келдиңиз, болбосо ким билет, атам экөөбүз үңкүйүп бир үйдө күңгүрөнүп отурмакпыз, - деп Темиркул дагы үшкүрүнө дасторкон алып кирип келе жаткан жаңы аялын карап койду,

- Апа, түшкү чайга келгиле.

- Ошондой сала бер айланайын, мени Темишим алып барат, - деп Алымкан Темиркул жакка бурулду. Ал колтуктай дасторкон четине алып келип отургузду:

- Ата, сени тургузайынбы? - деди Темиркул жылмая.

- Жөлөп койсоң, өзүм турам балам, ошол убакта Ноорузбай мал-келин карап кеткен, талаага жайып жаттышкан, малдар кол карай элек, күздүн тоюмчулук кези, мал дагы адамдар дагы күркүрөгөн күздүн берекелүү жемишине тоюп мөмөсүн, данын алат, мал табигаттын берешендигинен малга ылайыкталган чөбүнө тоюп баккан ээсинин оозун майлап турган кез. Султанаалы Гүлдана менен жолугушуп жүргөн, бүгүн дагы экөө суу жээгинде сүйлөшүп отурушат.

- Султан, сен уктуңбу? - деди Гүлдана.

- Эмнени?

- Айкызды күйөөгө беришет экен.

- Кимге? - деди Султанаалы селт эте.

- Калдар абанын бир досу болгон экен, ошонун аялынан ажырашкан баласына кудалап коюптур, эми жакында алып кетишет экен, даярдап себин бүтүрүп жатыптыр, - деди Гүланда сынай карап, кантээр экен деген ойдо.

- Кызык экен, өзү макул бекен?

- Мен кечээ жолуктум, эмнеси болсо да макулмун, менин сүйлөгөнүмдөн эле чанып кете беришет экен, өзүмдүн айбымды билип туруп кимге сүйүүмдү таңууламак элем деп ыйлады.

- Чын элеби?

- Ооба, мен неге калп айтмак элем.

- Ошондой де, мен… - деген Султанаалы ордунан кандай турганын билбей калды, - Мен азыр келем! - деди да жүгүрүп жөнөдү, Гүлдана көзүн жумуп ийди: "Ушундай болмок, мейли курбумдун ыйлаганын көргүм келбейт, ошону бактылуу кылсын, сүйбөгөн адамга барып кантет эле, көз көрүнөө тартып алгандай болуп өмүр бою өзүмдү күнөөлүү сезип жашай алмак эмесмин", - деп көзүнүн жашын ирмеп алып үйүнө жөнөдү…

Султанаалы айылдын этегинен жүгүргөн тигил өйүзгө чейин тынбай жүгүрүп келе жатып: "Эмнеге мен аны таштадым, өзүмдү алдайм дедим эле болбоду, мен аны сүйөм, эч качан башкага бербейм, Айкыз мени кечир, мен сени сүйөөрүмдү же сүйбөсүмдү, сүйүүнүн күчүн сынап көргүм келген, бирок мен сени эч качан унута албадым", - деп ойлоп түз эле алардын дарбазасынын жанына келип такылдатып туруп калды, тестиер кыз ачты эшикти:

- Кимге келдиңиз эле? - деди тердеп кеткен Султанаалыны таңыркай карап.

- Айкызды айтып койчу чоң кыз.

- Анын колу бошобой жатат.

- Бир аз эле, бир азга эле чыгып койсунчу.

- Азыр айтам, - деп жүгүрүп кирип кетти, Султанаалы сыртта тынчы кетип аркы-терки басып жатты: "Чыкпай койсо эмне кылам, ал мени жек көрүп калсачы, көңүлү калган болсочу, ушул бойдон көрбөймбү, неге аны унутмак болдум, мен сүйүүнү кордодум, сынга алдым… жок-жок сүйүүнү эмес өзүмдү сынадым, акыры аныгына жеттим, сүйүүнүн адамдан күчтүү экенин сездим", - деп ойлонуп турганда ачык турган дарбазага жөлөнүп Айкыз өзүн тиктеп турган экен:

- Айкыз келдиңби? - деп Султанаалы жетип эле кучактап калды, - Сен мени таштабачы, таштап кетпечи Айкыз! - деп кучагынан чыгарбай турганда артынан келген Гүлдана аларды ары жактан карап турду: "Сүйүү-сүйүү, мен аны сүйдүм, бирок жалынып жашай алмак эмесмин, анткени сенин Айкызды сүйөөрүңдү качан эле билгемин, мен ыраазымын сага, аз да болсо мени жалган сүйүүң менен бактылуу кылганыңа, өзүңдү мындан артык алдай алмак эмессиң", - деп ыйлап туруп анан көз жашын кургата эч нерсе билбегендей боло аларды көздөй басып келе жатканда Айкыз көрө калып:

- Кк-кое берчи Султан, Гүл-гүланда кк-келе жатат, - деди бошонууга аракеттенип:

- Мейли, келсе келсин, сени кандай сүйөөрүмдү көрсүн, - деп шыбырады Султанаалы.

- Кк-кое бб-берчи!

- Кандайсыңар, Олжобай менен Кишимжан? - деди күлө бага Гүланда.

- Жа-жакшы, кк-кел Гү-гүланда.

- Оо кандай чоң кыз? - деп ошондо гана кызды кое берип Султанаалы бери карады, ошол убакта жанагы кыз чыга калып:

- Айкыз эже, сени чакырып жатат, - деп калды.

- А-а-азыр ке-келет деп койчу.

- Ма-акул, - деген кыз жүгүрүп кайра кетти.

- Айкыз, мен сени алып кетем, - деди Султанаалы дароо эле.

- Э-эмнеге, эм-эми болбойт да…

- Эмнеге болбойт, сен мени сүйбөйсүңбү? - деп экөө сүйлөшүп турганда Гүлдана ичкери кирип кетти, ал Таттыгүл менен сүйлөшкөнү кирди, ошол убакта анын дагы колу бошобой жаткан эле, Гүлдананы көрүп:

- Кел кызым, жакшы келдиң, Айкызды сен чакырдың беле? - деди.

- Ооба аяш эне, - деди эмне дээрин билбей Гүлдана.

- Айкыз экөөңөр үйдөгү келиндерге жардам бергиле, кийимди кандай тиктирээрин билбей жатты эле.

- Аяш эне, эмнеге мынча шаштыңыздар, Айкыз өз көңүлү менен кеткени жатабы?

- Кызым а-ай, - Таттыгүл отура калды.

- Өзү каалабаганга неге бересиңер аяш эне, анын жигити бар го? - деп жооп күтүп калды.

- Жигити дейсиңби?

- Ооба, силердин күйөөгө бергени жатканыңарды угуп келди, алып кетем деп жатат.

- Эмне дейт кокуй? - Таттыгүл Гүлдананы мостое карап калды, - Кайда жүрөт чакырчы, - деди көптөн кийин.

- Аяш апа, мен чакырып коем, сиз бул тойду токтотууга аракет кылыңыз, Айкыздын бактылуу болушун ойлоңуз, өз эрки менен барганы жатканы жок, ал айла жок макул болду, - деп Гүлдана аны көндүрүп жатты, - Аяш атама айтыңыз, кызым болбой жатат деп эле баш тартып койсун.

- Ма-акул кызым, аракет кылайын, ал эми септи токтотпой эле коелу макулбу? - деди Гүлданага кеңешип.

- Ооба, бүтө берсин, - деп сыртка чыгып Айкыз менен Султанаалыга келди, - Айкыз, сени аяш апам чакырып жатат.

- Гү-гүлдана, апама айтчы, - деп Айкыз жалдырап ийди.

- Баары бүтөт коркпо, сен үчүн баарын жасайм, аяш апама айтып койдум, - деп жылмая күлгөндө Айкыз Гүлдананы кучактап өпкүлөп ийди:

- А-алтын кк-курбум ме-менин, ра-рахмат сага!

- Эчтеке эмес, башкысы сен бактылуу болсоң эле болду.

- Сага рахмат Гүлдана, курбуң экөөбүздүн бактыбыз үчүн жасаган жакшылыгыңды буйруса актайбыз, - деп Султанаалы дагы Гүландага ыраазы болду.

- Эч нерсе эмес, адам өз кылган жакшылыгын эч качан өктө зардасы жок жасашы керек, эки жашка кылган жардамым үчүн кудай ыраазы болсун, - деди, ошол кезде Таттыгүл келе жатканын көрүп Гүланда Султанаалыга кайрылды, - Аяш апам келе жатат, сен жашын.

- Ма-акул, - деп ал ары барып короонун буйга жерине жашынып калды:

- Айкыз, жүрчү үйгө кызым.

- Аа-азыр апа, - деп Айкыз апасын ээрчий үйдү көздөй басканда Гүланда Султанаалыга келип:

- Сен азыр бара бер дагы, ата-энеңди жөнөт, мен баарын айтып койдум, - деди.

- Ыраазымын Гүлдана, сен мени кечирчи.

- Кечирим суроонун кереги жок, мен сени Айкызды гана сүйөөрүңдү эчак түшүнгөнмүн, адам өзүнө калп айтса дагы, жүрөгүнө эч качан калп айта албайт Султан, сен өзүңдү алдап тагдырыңдан, өз сүйүүңдөн качам дедиң, бирок ага мен жол бербес элем, жүрөгүңдө башка адам, жаныңда башка адам турса элестет, жашоо кандай өтмөк? - деди Гүланда ойлуу.

- Чо-оң-чоң ыраазычылык сага Гүланда, сендей пейили кең, аял заты аз чыгаар, болсо дагы миңдин бири болоор, бактылуу бол, - деп Гүлдана кайра Айкыздын үйүнө кирип кетти. Султанаалы шашылып үйүнө келе жатып толкунданып алган: "Ооба, мен Айкызды гана сүйөм, мейли кандай сүйлөбөсүн, мен аны сүйөм, жүрөгүм жалгыз гана аны каалайт", - деп үйүнө тигил өйүздөгү айылдан кантип жеткенин сезбей да калды.

- Ата, апа, - деди энтиге кирип келип эле, демиге туруп калган уулун ата-эне карап үндөбөй туруп калышты, - Ата, мен сизге айпадым беле, тигил өйүздөгү Калдардын кызын…

- Эмне болду? - Орузбай менен Сейде бири-бирин карап баш ийкеше күлүп калышты, - Айта, айта бер, эмне болду? - деди Орузбай.

- Ата, Айкызды атасы күйөөгө бергени жатыптыр!

- Ал ким эле? - Сейде күйөөсүн карап: "Сен билесиңби", - дегендей суроолуу тигилди.

- Берсе берет да, ар бир ата-эне уул-кызынын бактысы үчүн милдеттүү, - Орузбай сыр билгизбей.

- Ата, мен аны…

- Эмне кылуум керек?

- Ата, ага куда түшүп барууңар керек.

- Качан, даярдык жок эмеспи? - Сейде күйөөсүнө карады.

- Кереги жок, эртең барыш керек!

- Шашылба балам, терең ойлонуп көрүшүбүз керек.

- Ойлонуп отурганча кызды алып кетип калат, - Султанаалынын чый-пыйы чыгып кетти, - Мен анда башкага үйлөнбөйм!

- Султан, деги түшүндүрүп берчи, кимдин кызы, кандай кыз? - деди Сейде уулуна.

- Апа Айкыз жакшы кыз, атасын эле көндүрүш керек.

- Балам, шашпай сүйлөшөлү, чоң атаңа барып кеңешип эртең барууга даярдык көрөлү, - деди Орузбай уулун тынчтандырып.

- Анда тезирээк чоң атама баралычы ата.

- Бу силерге түшүнбөдүм, деги кимдин кызы? - деген Сейдеге Орузбай.

- Жүрү тигил үйгө, - деди.

Сейде унчукпай күйөөсүнүн артынан жөнөдү, эртеси Темиркул өйүзгө өзү жөнөдү, алдындагы атын темине баратты: "Ээ жараткан, ушу күнгө жеткиргениңе шүгүр, сүйсүн деп уул-кызды бердиң, жарыктыктын рахатын көрүп, таза абасынан дем алсын деп узун өмүр бердиң, ушунуңа ыраазымын жараткан", - деп ойлонуп өйүзгө жетип Калдардын үйүн сураштырып эшигине келип камчысы менен ургулады. Небереси тестиер кыз чыга калды:

- Калдардын үйү ушулбу кызым?

- Ооба, - деп кыз элээ туруп калды, - Чоң атам үйдө.

- Анда мен кирейин, - деди дагы атын дарбазанын сыртына байлап ичкери кирди, эшиктин алдынан Калдар көрүндү, - Ассалоому Алейкум!

- Аллеки Салам, кел-кел Темиркул.

- Үйгө кир, - деп Калдар үйгө баштап кирди, ал дароо эле билди, кечээ айтканда эле аялынын сөзүнөн баамдаган: "Демек алар келет, мындай болоору кайдан ойго келди, Бусурман менен биротоло эл болуп, түбөлүк даамдашууга туура келет, тагдырың түшкүр десе, алдын ала кечирим сураганым дурус болгон экен, болбосо көрөөр көз энеси үчүн өмүр бою кектемекмин, менин апама бир гана тай туяк алтын берип калганын бүт ошол токолунун балдарына таштаганына Кадырбек менен Сабырбек дагы өмүр бою нааразы болуп өтүштү, эми айла жок, кызымдын бактысы үчүн кучагымды жайып, барымды чачуума туура келет", - деп ойлогон эле. Канчалык өзүнүн кылган ишине кээде өкүнүп: "Эмнеге мен жек көргөн адамыма кол бердим", - деп ойлонгону менен дилинде: "Сен туура кылдың, адам кечиримдүү болуш керек, ал күнөөлүү эмес, күнөөлүү-күнөөсүздү алла өзү иргейт, сенин адамгерчилигиң кечире билгениң, муну менен сен өзүң көп күнөөдөн арылганың", - деп бирөө аны шыкактап тургансыйт. Ириде келе жатып ушуларды ойлонгон Калдар Темиркулду төргө өткөрүп үңкүйө отуруп калды.

- Аксакал, сизге үй-бүлөөбүз менен ыраазыбыз, ал ыраазычылыкты сырттагы жетелей келген тай менен билгизгим келет, атам өзү кирип чыгып калды, канча жашаса дагы эми өзүн-өзү жакшы сезип, жашоонун жыргалчылыгын сезе турган болду, буга сиздин көмөгүңүз тийди, - деп Темиркул Калдарга ыраазчылыгын билдирди.

- Эчтке эмес, адам бири-бирине колдон келсе жардам берүү парз, - деген Калдар: "Сөздү алыстан баштады, демек сүйлөөр сөздү билет, дагы кандай сөз чыгаар экен", - деп сакалын сылай көңүл бура карады, - Мен бир адамдын өмүрүнө үмүт киргизип, жакшылык кылганыма ыраазымын.

- Ооба, сиздин адамгерчилигиңиз ат көтөргүс болду.

- Бааңа ыраазымын.

- Эми келген жөнүмдү айтсам, - Темиркул тамагын жасай Таттыгүлдү бир, Калдарды бир карады. - Илгертен жуучу менен элчиге өлүм жок деген сөз бар экен, анын сыңары, кыздуу үйгө жуучу, карыздуу үйгө доочу келет имиш, менин неберем Султанаалы сиздердин кызга ашык экен. Эртерээк айтпай курган бала күйөөгө берип ийет экен, - деп шаштырып жиберди, айып этпесеңиздер эртең каада салт менен келип кызга сырга салсак дедим эле…

- Суусаганга кымыз, сураганга кыз бер деген, эгерде менин кызым өзү каршы болбосо бизде не арга, бала сенде да бар Темиркул, өздөрү бири-бирин жактырса каршы эмеспиз, - деди Калдар аялына жүзүн бура.

- Ооба-ооба, балдар бири-бирин жактырса биз кайда барат элек, жашоо жаштардыкы эмеспи, ата-эне балдарынын бактылуу болгонун кана каалайт, - деп Таттыгүл башын ийкеди.

- Анда мен жылайын, эртең буйруса шаан-шөкөт менен келебиз, - деп Темиркул ордунан козголду, - Жакшы туруңуздар.

- Жакшы баргыла, - деп Таттыгүл ички бөлмөдө отурган кызына кирди, Калдар Темиркулду узатып кайра кирди.

- Апа, апа Сс-султанаалы жибериптирби? - деп Айкыз тура калып кубанычтуу апасынан жооп күтүп калды.

- Ооба кызым, сенин көңүлүң, сенин бактың үчүн биз макулбуз.

- Апа-а! - Айкыз апасын кучактап калды, - Рр-рахмат апа!

- Кызым, - деди ойлуу Таттыгүл, - Ошол баланы таштап кетти деп ыйлап жүрдүң беле?

- Ооба-а-апа. Мм-мен а-ага тү-түшүнбөй к-калыптырмын.

- Кийин өкүнбөйсүңбү кызым, биз сенин өзүңө эрк бердик, өз каалаганына чыксын деп, жаңылдым деп жүзүңдү жашка жуудуруп жүрөктү оорутуп жүрбө?

- А-андай б-болбойт апа.

- Макул садага, ага ишенсең болду, - деп сырткы бөлмөгө чыкты, эне негедир кызына ишенгиси келип-келбей турду: "Чунак кызым ай, бир айыбы үчүн кемсинип жүрүп өтөбү, сүйдүм-күйдүм деп жатып кызымды алдап койгон жок бекен ушул баланын атын айтып таштап кетти деп боздоп ыйлап жүрбөдү беле?", - деп зыңгырай отуруп калды, аңгыча сырттан үргөн көк дөбөттүн үнү угулду:

- Ким келе жатат карачы, - деди Калдар, ал дагы өзүнчө ойго чөмүлүп отурган.

- Бала-чакадыр да.

- Балдарга мынчалык үрбөйт эле, - дегенче эшик ачылып Кулубек кирип келди, - Кел-кел Кулубек, - Калдар жаткан жеринен өйдө болду.

- Келип калдык, Калдар бул эмне кылганың, ошол Бусурмандын баласы калыңды көп берет деп менин балама бергиң келбей айнып калдыңбы? - деп күпүлдөдү ал.

- Кулубек, мен анын да, сенин дагы берген калыңыңарга карабайм, кызым өзү каалаганга күйөөгө тийет, сен ошону түшүн.

- Ооба, көрөөр көз апаңдын байлыгына көз арткан экенсиң да, кечээ эле той жөнүндө кеңешпедик беле, эмнеге кайра айнып калдың?

- Кулубек, сен экөөбүздүн аласа-бересебиз жок, эгерде менин кызым сенин балаңды тандаса мен каршы эмес эле, - деди ойлуу Калдар, - Жамандашпайлы, урушкандан эчтеке чыкпайт, сен бизге капа болбо.

- Кантип, келин алганы жатабыз деп тууган-урукту бүт чакырып койгонбуз, мени уят кыласыңбы? - деди опурула бүктөгөн камчысын улам өйдө-ылдый кыла.

- Кулубек, анчалыкка барба, кызым өз тандоосун кылды.

- Ошондой де, сенин тантык кызыңды таштап кетпесе мага кел, алардын ой максатын кайдан билесиң, мен билип турсам да… - деп келе жатканда Калдардын ачуусу келип кетти.

- Сен менин кызымдын жалгыз айыбын билет экенсиң да, азыр чыгып кет, мен сени көрбөйүн! - деп көзүн жумуп алды, Кулубек үн ката албай чыгып кетти, - Акмак: "Сассыган ооздон чириген сөз чыгат", - деген ушул да, кызымды сага туш кылбаган кудайга ыраазымын, - деп алды.

- Ботом, эркек киши ушинткени эмнеси, кокус келин болуп барып калса кууратмак окшойт, - деп ички бөлмөнүн эшигине көз жиберди, ал оюнда кызын угуп калдыбы деп чоочулап турган.

- Атасынын оозун урайын ошонун, баласы ушуну үчүн катын кетирип жүрөт, - деп Калдар оозунан чыгып кеткенин байкабай калды. Анткени ал билсе дагы айтпай: "Кызымдын бир айыбы тилинде, жашап кетсе болду", - деп аялына айткан эмес.

- Ыя атасы, аял кетирген немеге кызыңды бермек белең? - деди Таттыгүл күйөөсүнө таңдана карап.

- Болду эми, Айкыз угат, мен кийин билдим.

- Оо кудай сакта, чүрпөмдүн багын бере көр, кара кыздын агынан эмес багынан деген, оюма койсо эч кимге ыраа көрбөйм, жанымда эле алып жүрө берет элем, айла жок уул бала болбой кыз бала болуп калганы, - деп Таттыгүл бышактап ыйлап кирди, - Карыган кезимде ушунумдун көз жашын көрбөй өтсөм экен, кантейин бир айыбы…

- Болду кемпир, ар бир пенденин маңдайга жазган тагдыры бар, Султанаалы жакшы жигит деп уккам, кызыңды сүйсө кор кылбайт, - деди Калдар ойлуу, - Сени мен ушул убакка чейин капаланттымбы?

- Койчу атасы, ал кез башка эле да…

- Башка кез болчу туура, бирок сүйүү деген кайсыл убак болсун сүйүү бойдон калат, ошону үчүн сүйүү да, - деди кемпирин сырдуу тиктеп жылмая, - Жүрөктүн каалоосу деген башка, демек кызың чоң сүйүүгө кабылган, бактысын ачсын жараткан.

- Бактылуу эле болсо экен, - Алар ушинтип сүйлөшүп отуруп анан уул-келиндеринин баарын чакыртып эртеңки конокту күтүп алууга кам көрө баштады, улуу кызын дагы чакыртып Айкыздын тоюн жакшылап өткөрүүгө даярдык көрүп жатышты.

- Ээ апа, - деди ортончу келини Үпөл, - Бу кызга жуучулар көп келет, бири дагы жакпай жатабы?

- Ботом, кызым жуучу келбей турган кыз бекен?

- Ошону айтам, бирин тандаар кези келдиби дейм да.

- Жеңе болуп өзүнөн бир сурап көрбөйсүңбү? - деди Таттыгүл келинин жактыра бербей, - Илгери кайынсиңди менен жеңе абдан ынтымактуу болчу эле, эр албай турган кыз болсо дагы эптеп күйөөгө жеңеси берип ийчү, азыркы жаштар аңдып, сынаганды гана билесиңер.

- Кечирип койчу апа, мен жөн эле айта салдым, кыз өзү дагы мени менен мамиле кылгысы келбейт, - деп шыпылдап жасакерлене калды. Ошону менен сөз уланбады, Айкыздын кубанычтуу жүзү энени бакытка бөлөп турду. Кулубектин баласына берем деп жатканда мустайып бир кабагын ачкан эмес: "Чиркин жаштык ай, өзү каалаган жигитке чыгаарына кубанып турганын карачы, тең-теңи менен деген ушу туура", - деп Таттыгүл ичинен ойлонуп туруп келиндеринин жасаган ишин караганы кетти…

Сырганын айы күнү жетип калган, эски киши эмеспи, Гүлай Сырганын келген айын эсептеп күмөнсүп жүрдү, бирок Жумашка ооз ачпады: "Мал кирсе корооңо береке, баш кошулса үйүңө олжо, дегендей келинди өзүбүз каалап алган соң алганы менен тең карып жүрө берсинчи, ыймандуу келин эмеспи, эри жок неме болсо жаңылгандыр", - деп ойлонуп алды ичинен.

- Ээ балам, этият болсоңчу, кош бойлуусуң, тырмалаңдап эле жаның тынбайт да, айы күнүң дагы жетип калды, - деди билмексен боло.

- Апа, дагы бир жарым ай бар, - деди Сырга жылмайган тейде, - Азыр боло элек, кыймылдасам төрөгөнүмө жеңил болот да.

- Ошентсе дагы сак бол айланайын, өзүң да кыйналып каласың.

- Кабатыр болбоңуз апа, биринчим эмес го?

- Сени аяп жатпайынбы, - деп койду сырдуу, Сырга баарын сезип турат, бирок: "Эми кандай болоор экен, өзүмө окшош болсо го мейли, Курсантка окшош болсо канттим, анын жакшы оюу болсо издеп келмек, атамдардыкын билет, убактылуу эле жашап жүргөн экен, туура кылган экенмин", - деп ойлонуп кайненеси сураган сайын ичтен тынып алат. Жумаш кудайдын бир жоош момуну, арам ойду ойлобойт, балдарын багууга шаардан товар ташып кайра айылдан мал алып барып сатып өз оокатына тың. Ошол күнү курулуш материлдарын жүктөп кеч келди, өз менчигинде камазы бар. Сырга туруп тамак берип анан өз бөлмөлөрүнө киргенде Жумаш.

- Сырга, жум көзүңдү, сага сюрприз, - деди күлүп.

- Ал кандай сюрприз?

- Көзүңдү жумсаң көрөсүң, - деди эле ал көзүн жумуп туруп калды, Жумаш келинчегинин чачтарын желкесинен алып, мойнунан өөп алды да чынжырчаны тагып залдагы чоң күзгүнүн алдына алып келди, - Кана, көзүңдү ач!

- Ай-ий Жумаш, укмуш го? - деп Сырга кубанычтуу күйөөсүнө карады, - Рахмат Жумаш.

- Эчтеке эмес алтыным, аман-эсен көз жарып ал, - деп Жумаш аялын имере кучактап өөп көпкө турду.

- Жумаш, - деди келин.

- Оов, - Жумаш келинди артынан кучактап күзгүнүн жанында турушту, - Эмне дегиң келди Сырга?

- Эмне дээримди да билбей турам.

- Тартынбай жүрчү, эми биз эрди-аялбыз.

- Билем дечи…

- Сен аялың өлгөндөн кийин башка менен жүрбөдүңбү?

- Эмнеге сурадың?

- Деги да…

- Ачыгын айтайынбы же калп айтайынбы?

- Чынын айт.

- Чынынбы? - Жумаш күлүп келинди кулагынан тиштеп койду, - Бир келин менен жүргөм.

- Эмнеге, аны жактырчу белең?

- Билбейм, жалгыздыктан го.

- Көпкө уландыбы?

- Жок, үч ай.

- Эмнеге ага үйлөнбөдүң?

- Апамдар сени айтып туруп алды.

- А сен өз көңүлүңдөгөнү албайт белең?

- Эмнеге минтип сурап жатасың?

- Деги да билгим келет, жүрөгүңдө башка бирөөнүн бар же жок экенин билейин дегенмин, - деди сумсая.

- Сырга, сен менин жээн келиним болгондуктан сага сөз айтууга укугум жок болчу, негизи сени мурда эле көңүлүмдөн жакшы көрөөр элем, анда аялым дагы бар, мындай болоору оюмда дагы жок, кандай сезим экенин билбейм жакшы көрөөр элем, апам менен Мөөркан эжем айтканда чоочуп кеттим, анткени сени ыйыгым катары баалачумун.

- Анан эмне болду?

- Алар ошентип туруп алышты, мен макул болдум.

- Демек мени жакшы көрчүсүң.

- Ооба, дилимде жакшы көрчүмүн.

- Кой жаталы ээ?

- Макул, - Жумаш келинди имере кучактап ичин сыйпалап кирди, - Менин уулум жакшы өсүп жатабы?

- Ооба, - Наздуу күлүп койду.

- Аман-эсен чыгарып берсең сага карматпай эле багып аламын, - деп Жумаш аны төшөккө алып барды, - Эс алалы ээ, мен дагы чарчадым, эки күндөн кийин кайра базарга мал алып кетебиз, базарлыктар машинада эртең менен алып кирейин.

- Макул кайда качмак эле, - деди Сырга, экөө кучакташып жатып калышты.

Арадан көп өтпөй эле Сырга кыз төрөдү, кыз дегенди угуп кубанып алды: "Кыз болсо өзүмө окшошот, уул болсо…", - деп ойлонуп эс ала түштү. Төрөгөндө келип акыбалын сурагандарга айыма жетпей калдым, - деп айтып жатты, бирок наристенин толук жетилгенин акушерка ачык эле айтты. Жумаш эчтеке менен иши жок, балпаңдап шампанский менен винолорду, торт көтөрүп келип врачтарга той кылды. Үч күн жатып эле үйүнө чыгарды, анткени союздун учурундагыдай жоопкерчилик айылда эмес шаарда жок болуп калбадыбы? Пулуң болсо кулуңмун деп пулун төлөгөндөр "особый" бөлмөнү жалдап алып баардык шарты менен он күндөп дагы эркелеп жатып алышат. Үйүнө келгенден кийин Гүлай наристени мурдунан чымчып өөп:

- Жараткан өмүрүн узак кылсын балам, бала эненин көз жанары, бала үчүн эне күйүп жаткан отко түшүүгө даяр, агып жаткан дарыяга боюн таштайт, ошол үчүн энебиз айланайын, өзүңөр менен өзүңөр болгула.

- Рахмат апа.

- Жумашым экөөңөр бири-бириңерге тээк болуп жүрө бергиле.

- Апа, кызым өзүмө окшош бекен? - деп сырттан кирген Жумаш айтканда Сырганын жүрөгү болк этип алды, Гүлай токтоо гана, - Азыр ымыркай кызыл эт да балам, кимге окшош болсо да амандыгын тилегиле, туулганына эмес турганына сүйүнгүлө, - деди.

- Ошентсе деле түспөлү бар да апа.

- Ошенткени менен али окшоштурууга эрте.

- Макул апа, аман чоңое берсин ээ? - деп али көзүн ача элек ымыркайда өөп койду, - Атын ким коебуз апа?

- Калбүбү деп койгула, оң бутунун кызыл ашыгында чоң кал бар экен, - деди Гүлай.

- Мейли, Калбүбү деген жакшы эле ат го Сырга?

- Ооба, жакшы эле ат, - деди кызын көз айрыбай караган Сырга ойго телмире: "Курсант менин боюма болуп калганын билсе келет беле, балким өзү келип калабы деп күтүп жүргөндүр", - деп ойлонуп жаткан… Курсантты ал кезде Курманбек алып кеткен, төрт баласына карабай иштеп жатам деп келбей койгонунун сырын билген соң катуу урушту. Курсант Теңирбердиден алган алтынды билгизбей кое алган жок, аялы гана билбеген бойдон калды, ал мурунку үйүнүн жанына эки кабат кылып там салууга киришти, аялы ага ыраазы болуп жүрдү. Анткени ага алтын жасалгалардан алып, бир сыйра кийим-кече менен бала-чакасына дагы кызыл жабар кылып бетине кармап келген. Алдында Ауди-100 унаасы, достору көбөйүп күндө алар менен үйүндө бакылдашып отурганы отурган.

- Курсант, мунуң болбойт, - деди бир күнү аялы Зарыл.

- Эмнеге, мен кылмыш кылып жатамбы? - деп аялына орой жооп кылды ал, - Мен күндөп-түндөп эмгек кылдым, сага эмне жетпейт, алдыңда ашың, үстүңдө үйүң турат, жакында ханышадай гана эки кабат үйдө жашап каласың, өз үйүмдө көңүл ачканыма болбойбу?

- Болот дечи, сен ашыкча кетип жатасың Курсант, кеч болуп кала электе ичкениңди токтот, - деди Зарыл аста түшүндүрмөк болуп, - Балдар чоңоюп келе жатат, эсиң менен бол.

- Сен мага акыл үйрөтпө катын, мен бул үчүн маңдай теримди төгүп иштедим, а сен бырбыйып уктап жаттың го? - деди керсейе, - Менде дагы бар, мына бул үйдү хан сарайындай кыламын, ошондо көрөсүң менин кандай экенимди, - деди да бөтөлкөсү менен оозуна алып барып какабай, ачуурканбай кылкылдата жарымына чейин ичип алып теңселе түштү.

- Курсант, жатып эс ал, биз кетели, - деп эки досу аны ичке киргизип калган аракты бөлө ичишти да короодон чыгып кетишти. Зарыл ыйлап басылды, акыры кайнатасына барып болгонун ыйлап айтып берди. Курманбектин ачуусу келип түндөп ал уктап жатканда үйүнө алдырып келип алды да эртең менен башы ооруп көзүн ачкан Курсантты ачуулуу карап:

- Эй акмак, сени өзүнө жумшап төрт баласы үчүн аталык парзын аткарып киши болсун десе бул эмнең? - деп жаакка күч менен чаап жиберди.

- Мен эмне кылдым ата?

- Атаңдын баш-шы кылдың!

- Ичип койсо эмне экен…

- Атаңдын, менин канымды ич, кана Теңирбердиден алган "немең", билмексен болуп койсо…

- Ата, эмне деп жатасыз, мен эмне алыптырмын? - деп Курсант атасынын сөзүн аягына чыгарбай алактай түштү. Курманбек жаактан ары чаап жиберди.

- Сен кимди алдаганы жатасың?

- Эчтеке билбейм, кайдагы алтын ата?

- Унчукпай колума алып келип тапшыр, ар киимге, жалдаганыңа бердиң билемин, калганы кайда?

- Ата, акчага айландырып банкка салып койгонмун, - деди башын жерге сала.

- Акылың жок балам, сени эмне кылаар экен деп тим койгонмун, кебетең бул, - деди ачуусун тыйган Курманбек, - Барды да жокту дагы көтөрө алган адам көтөрөт, акыл менен пайдаланбаса бакыт да байлык да кетет балам, алаңгазарлыгың калбады, оюңа койсо бир жылда чачып бүтүп сызда каласың.

- Болдучу эми ата, ансыз дагы башым ооруп турат.

- Кепти саресеп салып укпаган адам адам боло албайт, ушунча жылдан бери Теңирбердинин балдары кандай кө-өп кетпейт ыя, эки айдын ичинде, эмне болуп кеттиң?

- Эмне болуптурмун, үй салдырып жатам го?

- Ошону бүтүрүп адам болбойсуңбу, апаңар өлгөнү силерди карап келе жатам, апаңар өзү болгондо акылды менден жакшы айтат беле, тартиптүү болот белеңер…

- Ата, мени кечир, сизди капа кылып алдым, - Курсант ыйлап атасынын бутуна жармашты, - Ата, мен жашымда калдым апамдан, жакшы билбейм, а сиз мени кантип чоңойтконуңузду жакшы билем, мен сиздин ак эмгегиңизди актай албай жатам, кечир мени ата! - деп шолоктоп ыйлап кирди.

- Тур балам, мен энеңдей боло албадым, ал бечара мага караганда көп акыл айтмак, мээрими башкача болмок, мен эркек экенмин, аял болбогондон кийин болбойт экен, силерге татыктуу тарбия бере албадым, - деп шуу үшкүрүнө өйдө болуп сыртка чыгып кетти. Ошондон көп өтпөй эле Курсант атасына эки тай туяк алтын менен бир гана кубик түрүндөгү калыпка куюлган алтынды, эки миллион сомду долларга айланткан түрүндө алып келди.

- Шумдугуң ку-ур, сендеги ушул болсо "тигилерге" бергениң, үй курулуш материалдарына кеткени, - Курманбек тунжурай отуруп анан Курсантка карады, - Сен балам, жырткыч кылбаганды кылыпсың! - деди жини келе.

- Эмнеге ата, өзүңөр нааразы болуп калчу элеңер го?

- Ушунча байлыкты жанагы баласы үчүн аябаганын көрдүңбү, бул дагы канча жылдап акыл менен урунса атадан балага өтмөк…

- Эми биздин бала-чакабызга жетет, биздин деле тиешебиз бар го мында, - Атасын таңгала карады.

- Биздин атабыз ушуну ала албаганына ызаланып жүрүп өтүп кетти, Кадырбек атамдын балдарынын көзү өтүп кетти, небересин айтып кой. Ушундан бир бөлүгүн берейин, алтын адамга күч-кубат, береке берет, муну кармана билсеңер, ач көздүк кылганга өлүм гана алып келет балам, - деди тай туякты ары салдырып, бери салдырып карап отуруп, - Сактап пайдалана билсе байлык, ысырап кылып ач көздүк кылса ажал алып келет.

- Үмөткө кайсыны бересиз анан?

- Мына муну берейин, жалгыз байкуш эптеп жашап жүрөт, Кадырбектен ошол гана калды.

- Макул ата.

- Эсиңе тутуп ал балам, бул жөнүндө оозуңдан чыкчу болбосун, асты аялыңа айтпа, аял душман деген, дароо кеп кылып ийет, оозуңа сак бол, - деди да түйүнчөктү ичкери алып кирип кетти. Ошентип дагы бир бөлүгү Курманбектин колуна тийди, Курсант үйүн заңгыратып бүтүрдү, эң улуу баласын тогузунчу классты бүтүрүп шаарга окутуп койду. Курманбек колундагы байлыкты ортончу уулу Эрматка тапшыргандан көп өтпөй эле оорубай өтүп кете берди. Анын тажыясына Калдар менен Теңирберди балдары менен келип күрүп ызаат сый менен жерге беришти. Эрмат абдан токтоо дагы, акылдуу жигит, анын ошонусун билип тапшырган, ата-эне өз балдарына сынчы дегендей туулгандан өзү тарбиялап өстүргөндүктөн кандай экенин жакшы билет эмеспи. Байлык деген азгырык адам баласынын пейилин өзгөртөт, кээде жоош момун деген адам дагы байлыктын кулу болуп калат. Ашынган акылсызды адамга айлантат. Ошентип байлык дагы адамдын адамына байыр алып токтоп калат экен. Эгерде Алымкандын сарамжалдыгы болбогондо кайдан?..

Султанаалы ата-энесине макулдашкандан кийин Айкызга барып жолугуп эмки жума күнү келээрин айтты, кыз кубанып жигитти жал-жал карады.

- Атаңдар к-каршы болгон жокпу?

- Эмнеге каршы болмок эле, буйруса көрөсүң го, ошол күнү эле сени алып кетебиз, - деди жигит кызды өзүнө тартып, - Макулсуңбу Айкыз?

- Атам макул болоор бекен?

- Жо-ок, д-дароо э-эле а-алып к-кеткенге макул б-болбойт го д-дейм Ссултан, - Кыз жигитке жалжылдай карады.

- Коркпо, экөөбүздүн ата-энебиз сүйлөшүшөт, башкысы сен макул болсоң болду.

- Мм-мен макулмун!

- Ыраазымын жаным, сенин жаныңда өзүмдү кандай гана бактылуу сезем Айкыз.

- Мен дагы…

- Алтыным десе, анда мен барайын, сага жакшы жаңылыкты айтайын деп эле келдим, аз күндөрдөн кийин экөөбүз бирге болобуз, - деп жигит кыздын жүзүнөн аста өөп койду.

- Кк-көрүшкөнчө.

- Макул, - деп Султанаалы бурула берип Гүлдананы көрдү.

- Кандайсыңар кыз-жигит, турган экенсиңер? - Күлө багып курбусу менен өбүшө учурашты.

- Кандайсың Гүлдана?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Баары жакшы, мен кетип жаттым эле.

- Неге, сөзүңөр бүтүп калды беле? - деп Гүлдана курбусу менен Султанаалыны алмак-салмак карап жылмайды, - Той алыс эмес го дейм?

- Ооба, жакында той болот, - деди да Султанаалы ылдамдай басып кетип жатты, Гүлдана курбусунун ийинине колун коюп: "Кандай сымбаттуу жигит, Айкыздын бактысы чоң экен, бактылуу болушсун", - деп ойлонуп:

- Айкыз эмнеге ойлонуп калдың? - деп курбусуна кайрылды.

- Султанаалынын ата-энеси к-келет экен, - деп Айкыз кадимкидей так сүйлөп ийди.

- Алтын курбум менин, сенин бактылуу болгонуңа тилектешмин, баса менин сага айтаар жакшы жаңылыгым бар.

- А-айтчы, к-кандай ж-жаңылык ал?

- Мен дагы турмушка чыкканы жатам, баса Султанаалы кайсыл күнү келмек болду? - деди бир нерсени ойлогондой.

- Жжума к-күнү.

- Оой-оой, дал ошол күнү келишет да, эми кантем?

- Ссен менин тоюма кел-келбей к-каласыңбы?

- Ошондой болуп калат экен да, эми эмне кылабыз?

- Г-гүлдана, м-мени ошол э-эле к-күнү алып к-кеткени жатат, а сеничи?

- Азыр болгону сөйкө салышат экен.

- Анда с-сен м-менин ж-жанымда болсоң б-болот эле…

- Кайсы убакта келет билбейм, анда мен токтото турайынбы? - деди Гүлдана курбусуна карай, ошол кезде бир машина өтүп токтоп эки-үч жигит түшүп эки кызды тең көтөрүп машинага салды да жүрүп кетти, эшиктин алдында жүргөн Таттыгүл кыздардын чаңырган үнүн угуп дарбазадан чыгып таппай калды. Кирип күйөөсүнө айтты эле:

- Кайда алып кеткенин ким билет, мен Кулубектикин байкап келейин, - деди дагы атын минип жөнөп кетти, бирок алардын тынч жатканын айтып келип отуруп калышты. Ошол убакта Гүлданын апасы келип кызын сурады, эки үй-бүлөө дүрбөлөң болуп отурганда кеч күүгүм ченде алардын эшигине кычыраган машина келип токтоп, зыңкыйган адамдар түштү, Калдардын үйүнө түз эле кирип:

- Кулдугубуз бар куда, кызыңар бизге келин болду, - деди бир галстук тагынган кычыраган узун бойлуусу.

- Кимсиңер, эмнеге кызымды айтпай ала качасыңар? - деди ачуулуу Калдар.

- Облустук депутат Каныбек Кангелдиевичтин баласы сиздин кызыңызды жактырып калыптыр, кулдугубуз бар.

- Депупат экени мени кызыктырбайт, кызымды кандай алып кетсеңер ошондой алып келип койгула, жанынлдагы кызды ата-энеси издеп тынчы кетип жатат, жооп бересиңер!

- Аксакал, бул катты окуп көрүңүзчү, - деп кагаз катты бере салды, Калдар чоң-чоң кылып жазган көзүнө тааныш жазууну окуп оор күрсүнүп алды да:

- Айла канча? - деп өзүн тиктеп турган аялына кайрылды, - Айла жок кемпир, - деди да катты аялына сунду, - Үйгө киргиле коноктор.

- Аксакал, - деди бири аны токтотуп.

- Буларды кайда коелу? - деп айдоочу коробкаларды көрсөттү, беш-алты ящик менен коробкаларды верандага киргизишти, андан соң үйгө кирип орун алышты, Калдар аялы дасторкон жайгыча конокторду карады:

- Кайдан көрүп, кайдан таанып жүрөт ал бала? - деди таң калганын жашырбай.

- Бул айылда Кангелдиевичтин бир тууган жээни бар, ошонукуна келгенде көрүп баарын сурап-билип кеткен экен, - деди бири, - Мен бир тууган иниси болом, бул акча ачуу басар куда, алыс жолдон мал алып келе албадык, элүү миң сом, - деп Калдарга сунду.

- Кызымды баалап сатаар оюм жок, эң башкысы бактылуу болсо болду, жети баланын эң кичүүсү, кенже кызым, - деди Калдар, - Карыган кезде кенже кызымдын жүзүнөн капа касиретти көрбөсөм болду, ырымы экен ачуу басар, - деди да акчаны колуна алды. Бул кабар эртеси эле айылга дүң эте түштү, Гүлдананы бир сыйра кийит кийгизип туруп өздөрү жеткирип коюшту, ал адегенде эле Калдардын үйүнө келди да болгонун айтып берип анан өз үйүнө кетти, Султанаалы бул кабарды угуп шашыла Гүлданага жолгууга келди:

- Гүлдана, айтчы бай болгур, эмне болуп кетти?

- Мен деле түшүнбөй калдым, тагдырдын өктөмдүгүн, табышмагын кара, ойдо жок нерсе болуп кетти, адегенде Айкыз отурбай ыйлап жатты, бирок алардын кое берчү түрү жок эле, кызматта иштеген депутаттын баласы экен, өзү университетти бүтүп областык мекемеде иштеп баштаптыр, - деп көргөн билгенин айтып берди.

- Ошондой де, демек сен экөөбүздүн тандырыбызды баары бир кошкон экен да? - деди Султанаалы кызга карай.

- Түшүнбөдүм, муну менен эмне айткың келет?

- Эмки жума күнү мен сага куда түшүп келип алып кетем.

- Султан, мага дал ошол күнү башкалар куда түшүп келишет, баары дайындалып калган.

- А сен аны сүйөсүңбү? - деди Султанаалы кыздын көзүнө тике карап, - Өзүң сүйөсүңбү айтчы?

- Мен… менин бөлөм болот, апамдын бир тууган сиңдиси, болбойт го…

- Гүлдана, анда мен сени ала качып алам!

- Эмне-е? - Кыз алая жигитти карады.

- Ооба, эгерде ата-энең мени кабыл албаса ала качам, сен дагы мага көңүл кош эмессиң, мен дагы сени жакшы көрөм, экөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз, - деди Султанаалы шар эле, кыз ичинен көңүлдүү эле: "Кызык, курбумду бактылуу болсун деп өз жүрөгүмө каршы болуп өзүмдүн сүйүүмдү курман кылмак болдум эле, тагдырды кара, эми өзүм каалаган адамым кашымда, мен сүйбөгөн адамга эмнеге барам, мендеги махабаттын али жалыны өчө элек", - деп ойлонуп турду. Султанаалы кыздын зыңгырай ойго чөмүлүп кеткенинен улам өзүнө кайдыгер эмес экенин сезди да ала качууну сүйлөшүп үйүнө келди, ошентип Султанаалы Гүландага үйлөндү, экөөнүн тоюна туугандарынын баары келди, Бусурман келин тойго Калдарды дагы чакырып, алар дагы Таттыгүл экөө келишти. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей тагдыр экөөнү баш коштурду, Алымкан небересинин тоюнда төрдө отуруп жаратканга ыраазы болуп отурду, бир кездеги көкүрөгү толгон өкүнүч менен арманды азыр небере чөбүрөлөрүнүн бактылуу жүзү, коңгуроодой күлкүсү менен кубанычы басып кеткен. Той бүткөн соң Темиркулга үйүнө жеткир деди эле ал макул болуп өзү кошулуп Теңирбердиникине алып барып келди. Ошондон көп өтпөй эле Алымкан сексен төрт жашында бир миң тогуз жүз токсон тогузунчу жылы кыш чыгаар алдында көз жумду. Бул тажыяга Темиркул балдары менен, Курманбектин балдары менен неберелери, Калдар балдары менен болду. Ошондо кызмат кылып жүргөн Сырга Курсантты көрүп калды, анын буларга тууган экенин билип кайненесинен сураганда ал Маратты таап келгенин айтканда ушундай жини келди: "Демек мага ошол үчүн гана жакындаган экен да, ошондо бир күн мурун Маратты алып келип билмексен болуп койгонун, акмак десе, ушулардын баарын билбей баса бергеним абийир болгон экен", - деп ойлонуп калды. Ошентип канчалаган тагдырлар биринен-бирине уланып ушул кезде ошол бир кездеги "Көрөөр көз" атанган аялдын аркасы менен канча үй-бүлөө бакыбат жашап кээде-кээде эстесе сөз кылып, бирок Алымкан деген чоң энелери болгонун айтып куран окуп калышат. Эмесе пендем, бусурманым биз ыймандуу, калыс-адилет болуп байлыкка ач көздүк менен карабай акыл менен пайдалана билсек ал бизге токчулукту, бактылуу жашоону берет экен…

Ошентип Султанаалы капыстан эле Гүланда менен баш кошуп калды, бирок анын көз алдынан Айкыз кетпейт, Гүландага дагы жаман айтпайт, кээде күлүп досторунун арасында отуруп тамашалап:

- Кудайым буйруп кошконун, - деп калат.

- Ооба, бизди кудай кошту, - деп Гүлдана дагы күйөөсүн эркелей карап башын ийкеп калчу.

- Эмне силерди эле кудай кошуптурбу, мына бизди деле кудай насип кылып кошкон да, - досу каткыра аялын кучактап Ашым. Ошентип Гүлдананын боюнда бар экенин билгенде абдан кубанды.

- Алтыным, өзүмө окшогон уул төрөп берчи ээ?

- Кудайдын бергени да.

- Чын эле, кудай өзү билет да, - деп Султанаалы дароо санаага чөгүп кеткенде Гүланда ага:

- Неге ойлонуп калдың? - дейт сезип турса дагы.

- Нике кайып дегенге ишенчү эмес элем, көрсө баары жараткандын колунда турбайбы, - Султанаалы Гүланданын көңүлүн ооруткусу келбей өзүнө тартып кучактап чекесинен өөп телмире түштү.

- Султан, - деди Гүланда аста гана.

- Оов алтыным, эмне дейсиң?

- Сексендеги чалдай оозуңдан ачуу түтүндү буркуратпачы.

- Кандайча?

- Сен али Айкызды унута албай жүрөсүң го?

- Мен сенин гана жаныңдамын, - деп Султанаалы сыр билгизбей дароо өзгөрө түшүп жарк эте түшөт. Султанаалы кийин негедир өзүнөн-өзү шайыр болуп чыга келет, ата-энесине жапакечтенип аялын ар убак эркелетип, бир туугандарына дагы бир башкача мамиле кылып кеткен экен. Жибек төрөлгөндө абдан кубанып:

- Менин кызым легендарлуу Кыз-Жибектей сулуу кыз болот, - деп Гүландага ыраазы болгон экен.

- Султан, мынчалык эле жароокер болбочу.

- Неге, мен өзүмдүн сүйүктүүмө дагы мээримимди төгө албаймынбы? - деп Султан ого бетер жарк этип койду. Жибек үч айлык болуп калган, жайлоодогу малын көрүп келгени кеткен Султанаалынын эртеси сөөгүн алып келишти. Адамды алла-тааланын берген жашын жашайт дейт эмеспи. Гүланда күйөөсүнүн жылдыгын берген соң төркүнүнө кеткен, кызы Жибекти ала кетип ал үч-төрткө чыкканда башка турмушка чыгып төрт балалуу болот. Жибек азыр он эки гана жашта, Гүланда ушуларды айтып берип жылмая коштошуп жолуна түштү.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз