Айгүл ШАРШЕН


"Тайкы тагдыр соңу"


Алманбет бул жашоого нааразы да эмес, ыраазы да эмес, анткени ал бул жашоодогу өз ордун өзү тапты… Анткени ушул бирин-бири алдап, тоноп кыйынчылык менен эптеп тапкан бир бечаранын көз жашын төгүп, алсыздын алдуусу канын соруп, кандуу колун бирөөлөрдүн ырыскысына салып, жүзү каралык менен жашап, адамгерчиликти жан дүйнөсүнөн алып салган заманда бүрүшүп кышында ак кар, көк музда коробка төшөнүп өткөн-кеткендин аяк астын карап, боорукерлердин берген тыйынын санап күн көрүп калган убак. Жашы отуз төрттө…

Эмесе Алманбеттин тагдыры сиздердин назарыңыздарда. Кубат совхоздун майда-барат жумушунда иштеп, алдым жуттумдук менен иши жок жай турмуш өткөргөн адам, отуз алтыга чыкса да баланын үнүн уга элек, аялы Гүлсара төрөбөгөнү менен адамгерчиликтүү, ак көңүл, колу ачык шатыра шатман шайыр келин. Бирок ал төрөбөгөнү үчүн ичинен өкүнсө дагы сыртынан билгизбеген бир сырдуу аял. Кубат аялына сен төрөбөдүң деп бир ооз айтпады. Гүлсара бала-чакага үйрүлүп түшө калат, колуна таттуу карматып ар убак эркелете кетет. Жашоо турмушу ойдогудай, мал-кели кудайга шүгүр, казаны кайнап дос-жоролуу. Болгону бир тырмактын заары өтүп жүргөндө алардын үйүнүн маңдайындагы коңшусунукуна жаңы төрөгөн ымыркайды жайдын толуп турган кезинде таштап кетиптир. Эртең менен эрте келген Саадат Гүлсарага:

- Гүлсара, түндө биздин эшиктин алдына уул баланы таштап кетиптир, - деди алаңдай, доктурга алып барсамбы же милициягабы?

- Канча бар экен?

- Киндиги чала байланыптыр, түшө элек экен, эки-үч күндүк го?

- Ким таштады экен?

- Билбейм, - Саадат: "Сен багып албайсыңбы?", - деп айтуудан тартынды.

- Кызык, алыстан келбесе керек.

- Ошондой го.

- Мейли, милицияга алып барсаң өздөрү билет да.

- Ошентейин анда, - деп Саадат жөнөй бергенде жаңы эле жумушка жөнөгөнү турган Кубат чыга калды.

- Кел Саадат.

- Келдим, - Саадат жөнөп калды.

- Кубат, Саадаттардын эшигине бала таштап кетиптир, - деди Гүлсара ал жөнөп баратканда күйөөсүнө кайрылды.

- Кандай бала?

- Эркек бала, жаңы төрөлгөн имиш.

- Ошого келиптирби?

- Кубат, барып көрөлүчү, эгер ылайыгы келсе…

- Өздөрү эмне дейт?

- Өздөрүнүн балдары турбайбы, аны эмне кылмак эле, азыр милицияга алып барсакпы деп келиптир, жүрү көрүп келеличи.

- Мейли, эмне деп барабыз?

- Жөн эле, көрөбүз да, - деп Гүлсара: "Багып албайлыбы?", - дегенден тартынып койду, анысын Кубат сезип эле турду, экөө ээрчише Сатыбалдынын үйүнө келишти, алар киргенде үч-төрт коңшулары чогулуп калган экен.

- Ой бешик бооңор бек болсун! - деди Кубат кирип барып эле күлө.


- Андай болсун, өзүңөр келгиле, - деп Саадат аларды төргө өткөрдү.

- Эми эмне кылайын дейсиңер? - деди бири.

- Билбейм, доктурга алып барып ден-соолугун текшертип көрсөкпү.

- Саадат, - деди Гүлсара, - Макул көрсөңөр ушу баланы бизге бергиле…

- Ооба-ооба, - деп шашып калды Кубат, - Бизге бергиле, өзүбүз көрсөтүп сүйлөшөлү.

- Ал-ал Кубат, бербегенде эмне, бизде эмне, баланы баккандыкы да.

- Туура, Кубат менен Гүлсара баланы багып алганга кудурети жетет, адегенде милицияга билдириш керек.

- Чогуу эле барабыз, таштап кетиптир деп айтабыз да, - деп тургандар жаалдап жиберишти. Гүлсара баланы колуна алып али көзүн ача элек наристени жыттап алып көзүнө жаш айлана түштү.

- Кудайым бирөөнө тууган баладан айтпаса, бирөөнө туубагандан айтып коет тура, ушунун артынан кудай берип койсо ажеп эмес, - дегенде Саадат.

- Ошону айтсаң, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет дегендей кудай тилегиңди берип койгусу бардыр, - деди. Баланы ороп көтөрүп алып экөө, үчөө болуп участкалык милиционерге барып, андан доктурга келишти. Аерден баланын салмагын, ден-соолугун көрүп, анализдерин алып анан кагаз жаздырып алып Кубат менен Гүлсара баланы үйүнө алып келишип Гүлсара күйөөсүнө кайрылды.

- Сен барып балага кийим-кече менен упчу алып келе кал.

- Макул, жумуштан дагы кечиктим.

- Эчтеке болбойт Кубат, кудайым бизге бул ымыркайды буйруп турганда жумушуңдан кечиккенге кейибечи.

- Мейли Гүкү кейибейин, кийим-кече, упчу анан дагы эмне дедиң?

- Жаш балага керектүүнүн баарын ал.

- Жарайт, - деп Кубат чыга жөнөдү.

- Момозуйдан үч-төрт метр ала кел!

- Уктум! - деп Кубаттын үнү сырттан угулуп дабышы чыкпай калды.

- Күчүгү го, кудайым мага бергени го, оо жараткан ушунун өмүрүн бере гөр, Кубат экөөбүздүн эңсегенибизди берип оор күрсүнгөн туюк үшкүрүүдөн сактап, уулумдун күлкүсүнө, кыял-жоругуна жүрөк кубанып бөксөбүз толсо экен, - деп өзүнчө эле сүйлөнө берди Гүлсара. Көп өтпөй Кубат кирди:

- Гүкү, буларды алып келдим, сен өзүң кийинте бер, мен жооп сурап келейин ээ?

- Макул, болбосо алагды болбой иштей бер.

- Көрөм да, - деп чыкмак болуп эшикти ачып баратып кайра бурулду, - Гүкү, ырас эле уул бекен көрсөтчү.

- Азыр атасы, азыр көрөбүз, - деп өзүнчө алдастап кубанычтан бүткөн боюн билинээр-билинбес калтырак баскан Гүлсара этияттап ороону чечип ача койду эле жалаяк суу болуп калыптыр, - Сийип койгон тура, мына-мына Кубат, көрдүңбү чочосун? - деп күйөөсүн караганда анын көздөрүндө жаш кылкылдап көзүн ирмесе эле төгүлчүдөй болуп турган эле.

- Кантет Гүкү, ыйлабасаң эми, - деп калдастай түшкөн Кубат тизээлей калып наристени тарбаңдата колуна алды, - Айла-анайын, атасынын уулу го, апасынын уулу го ушу, - деп болбураган жүзүнөн өөп-өөп алды да Гүлсараны карады, - Гүкү, бу күчүктүн атын ким коебуз?

- Сен айтчы, мен али оюмду бир жерге топтой албай, ишенип-ишенбей турам атасы, - деди жылмая.

- Кел анда ойлонолу, анан молдо чакырып кулагына азан чакыртып атын коелу ээ Гүкү.

- Макул, мен дагы ойлоноюн, - Экөө бир саамга баланы карап ойлуу мелтирей туруп калышты.

- Гүкү, Алманбет деп коелу, Манастын жан жөкөрү болгон эмеспи, кыдыр жылоолоп, түбөлүккө аты калган адамдын атын балама коелу, кандай дейсиң?

- Макул, сенин айтканың болсун Кубат.

- Анда Алманбет менен эрмектешип отура тур, мен жумуштан суранып келе калайын, - деген Кубат наристени эки бетинен чопулдата өөп алып шашыла чыгып кетти.

- Алманбет, Алманбет, менин уулум, каралдым менин, - Гүлсара өзүнчө эле сүйлөнүп баланы кийинтип, ороп-чулгап жатты. Эки-үч коңшусу кирди ошол кезде:

- Гүлсара, бешик бооңор бек болсун!

- Уулуң кут болсун Гүлсара, - дешип орун алып калышты.

- Кудай кут кылсын, айтканыңар келсин, - Гүлсара маңдайы жарыла сүйүнүчтүү жылмайып койду, - Отуруп чай-пай ичкиле эми.

- Чайга шашылба, биротоло багып ала турган болдуңарбы?

- Ооба, буйруса өзүбүз эле бага турган болдук, анализдери чыкса анан жаздырып алабыз, - деди коңшуларын күлүңдөй карап.

- Болсун-болсун Гүкү, тилегиң орундалсын.

- Кудайдын буйругу да, бирөөгө зар, бирөөгө кор бала деген, Кубат менен Гүлсара бир тырмакка зар болуп жүрсө балтайган баланы таштап кусуру ургурларды карабайсыңарбы? - деди бири шыпшына.

- Коңшулар, курбумсуңар, канча жылдан бери жаман-жакшы айтышпай келебиз, ушул баштан айтайын, силерден суранайын, уулум чоңойгондо балдарыңарга бакма экенин айта көрбөгүлө…

- Ээк койсоңчу Гүкү, жинди болуптурбузбу, ким айтса дагы кара оозуна кан толсун, - деп эбиреп ийди Жибек.

- Ооба десең, кантип эле ошентели, башка эле оозуна алы жетпеген бирөө айтпаса биз айтпай калалы, - деп Шурукан аны коштоду.

- Деги айтам да, уулубуздун атын Алманбет деп кое турган болдук, эми уулумдун жээнтек тоюнун алдын ооз тийгиле, - деп Гүлсара баланы ап-аппак төшөккө жаңы кийимдерин кийгизип жаткырып коюп ашканага чыгып барып семиз этти алып келди, - Жай отургула курдаштар, жок эмес, кудайга шүгүр, Кубат дагы келип калат.

- Макул-макул Гүкү, сенин кубанычыңа тең орток болбой анан, келе биз өзүбүз эле жасай коебуз, - деп Жибек шымалана этти туурап кирди, - Сен балаңа сүт бере бер.

- Ооба, биз эле жасайбыз, сен төрөгөн катын болуп жатып кал ай, биз сени бүгүн эркелетебиз, кудай буйруп ушул баланын артынан төрөп алсаң ажеп эмес, ырымы ушундай болчу эле, уулуң ак жолтой болсун, - деп Шурукан Жибекке жардамдашып жатканда Кубат эки жолдош баласы менен кирди.

- Оо келгиле кошуналар, - Кубат жаркылдай учурашты.

- Келдик, бешик боо бек болсун!

- Болсун-болсун.

- Кукем уулдуу болдум дегенинен эле келдик, кана уулуңарды көрөлү, - деп Артык менен Аскер Гүлсарага кайрылды.

- Рахмат, - Гүлсара наристени колуна алып отурганда бири жыйырма сом, бири он беш сом көкүрөгүнө кыстарып наристенин мурдунан чымчып өөп отура кетишти.

- Гүкү, дасторкон жай конокторго жээнтектин алдын ооз тийгизели.

- Өзүм да ошентейин деп турдум эле, - Гүлсара наристени аяр жаткырып коюп дасторкон жайып үстүн толтуруп чай куюп сунуп отурду, Кубат ички бөлмөдөн коньяк алып чыгып стакандарга куюп келиндерге кайрылды:

- Келгиле коңшулар, жээнтектен ооз тийгиле.

- Ооз тийбей анан, биз дагы жөн келген эмеспиз, Гүкүнүн кубанычын тең бөлүшөлү деп келгенбиз, - деп Жибек ары коюп койгон баштыгын алып чыгып баланын кийим-кечеси менен бирге "Московская", арагын дасторконго койду.

- Оо-хо-о, коңшулар ырахмат-ырахмат!

- Коюбуз короолош, аштыгыбыз ороолош дегендей, коюн колтук алышкан коңшу болсок, Гүкү менен теңтушпуз, четте кантип билмексен болуп туруп калалы? - деди Шурукан.

- Ооба десең, кубанганыбызды айтпа, - деди көп сүйлөбөгөн бир мүнөздүү Айткүл.

- Ыраазыбыз курбулар, бүгүн негедир териме батпай кубанганыман семирип турам, эмне деп сүйлөөрүмдү дагы билбейм, - деп Гүлсара толкундана сүйлөдү.

- Кана эмесе, уулуңардын өмүрү узун, келечеги кең, акыл-эстүү болуп, элди жерди даңктаган, ата-энесине кайрымдуу уулдардан болсун, - деди стаканды көтөрө Артык.

- Айтканыңар келсин, ылайым кабыл кылсын кудайым.

- Айтканыңарды кудай кабыл кылсын, - деп Кубат менен Гүлсара бири-бирин жылмая карап чукуранган наристеге көз кыйыктарын салып телмирип калышты.

- Кана, алып ийгиле эми, наристенин келечеги үчүн!

- Ооба, наристе үчүн, Кубат менен Гүлсаранын бүгүнкү кубанычы үчүн! - Баары алып жиберишти.

- Мен уулумдун атын Алманбет коймок болдум, - деди Кубат чечиле.

- Туура, Алманбет дагы баатыр болгон, дал ошондой уулдардан болсун.

- Рахмат силерге, эртең буйруса эл чакырып уулумдун атын азан айттырып коем, баарыңар келгиле, - деди Кубат.

- Келбегендечи, сенин кубанычың биздин кубанычыбыз дос.

- Албетте, келебиз да.

- Анда Алманбет үчүн ичели, кана туугандар, алып койгула, ушул наристе ак жолтой уул болсун! - деди Жибек стакан колуна алып.

- Ооба, Алманбет ак жолтой, өмүрү узун, келечеги кең, ата-энесин сыйлаган уулдардан болсун, - дешип дагы көтөрүштү. Ошол күнү коңшулары улам кирип жатып дасторкону жыйылбады, Саадат менен Сатыбалдылар дагы келип куттуктап наристеге көйнөк көнчөк, ороо-чулгоо алып келип кыйла отуруп кетишти. Наристе абдан жоош, ыйлабайт дагы, кичине ыйлаганда жалаягын которуп, сүт берип коюшса эле кайра уктап калат. Гүлсара өтө сак, үнү чыкса же чукуранса эле тура калат. Кубат да ошол , бири жалаяк которсо бири сүт даярдап упчусун алып келе калат, колдорунан түшүрбөй үч күн тез эле өтүп кетти. Айтылган күнү доктурга барды эле анализи таптаза, ден-соолугу чың экен.

- Куттуктайм, уулуңуздардын күбөлүгүнө камына берсеңер болот, - деди врач жылмая.

- Рахмат, сизге рахмат, - Гүлсара кубана тура калды.

- Арыз жазып, документтерди даярдап келиңиздер, - деди колуна кагаз жазып берип, - Ушуларды толук алып келсеңер күбөлүк жазып беребиз.

- Жарайт, сизге рахмат, - деп Гүлсара шашыла туруп жөнөдү. Ошентип алар Алманбетти өздөрүнө жаздырып күбөлүгүн алып, атын Алманбет коюшту, кой союп туугандарын, коңшу-колоңун чакырып жээнтек беришти, молдо наристенин кулагына үч жолу: "Алманбет, кудай сүйгөн пендемин аты Алманбет", - деп айтып ырымын жасады, Жол-жосунун жасап наристени биринен сала бири көтөрүп бөпөлөп бага башташты.

- Кубат, карасаң күлүп калды.

- Оо менин күчүгүм десе, күлүп калганынан.

- Акырын, бир жерин оорутасың.

- Кантип эле, оорутпайм апасы.

- Этияттап кармачы, мойну токтой элек.

- Уулумду менден кызганбасаң апасы, - деп Кубат Гүлсараны өөп койду.

- Кызганбайм, акырын карма деп жатам.

- Макул-макул апасы, уулум экөөбүз эркелешип алалычы.

- Менчи, мага берчи уулумду, - Экөө талаша кетти.

- Жок-жок, али эркелешип бүтө элекпиз, туурабы уулум? - деп уулунун жүзүнөн жыттап-жыттап, бооруна кысып алды, - Апасы уулуңду өзүң ал эми.

- Келе гой берекем, кана келе гой, - деп Гүлсара колдорун жая наристени алып өөп жыттап бөлмө ичинде жалынып жалбарып басып жүрдү. Али эч нерсени баамдай элек наристе эки жакты карап кээде жарк этип коюп ата-энесин кубантып жатты. Күн өткөн сайын колдору тарбалаңдап, үн салып калганда ого бетер кубанып көтөрүп жерге жаткырышпайт. Алманбет күлүп калганда өзүнүн апасы Зуура келип калды Көлдөн. Ал төрдө кыбырап жаткан баланы көрүп делдээ кызын карады, Кубат жумушта болчу.

- Ботом, бу кимдин баласы?

- Апа, ал менин, биздин балабыз, - деди Гүлсара.

- Койчу ботом, эмнеге бизге айтпадыңар? - Зуура таарынгандай отуруп наристенин мурдунан чымчып өптү, - Айтып койсоңор жээнтектеп келбейт белек, Айсара менен Гүлсана кошо келет эле, келиндерди ала келмекмин.

- Апа, алыс жолдо болсоңор, кыйналбай эле койгулачы, таарынбасаң эми, - деп Гүлсара апасын кучактап өөп болгонун айтып берди, - Силерди убара кылгым келген жок, өзүм төрөбөсөм дагы бала багып кубанып калдым, атама айтып кой апа, кудайдын салганын көрүп жатам, төрөбөгөн атка кондум, тагдырым ушул экен…

- Капаланба кызым, ушуга шүгүр де, же эбак эле ажырашып албай, алыс түшүп бизди да сары санаа кылдың.

- Кубаттын менден ажыраар түрү жок апа, уккусу да келбейт.

- Кубат жакшы жигит айланайын, ким эле жакшы бүлөсүнөн ажырагысы келсин, эми жакшы болуптур, ушунуңар кайрымдуу болсун садага, - деп эми гана наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, - Айла-анайын десе, кудай ырыскы-кешик берсин, уулуңардын жаны аман болсун.

- Айтканың келсин апа, - Гүлсара дасторкон жайып чай коюп жатып күлүмсүрөп койду, эне-бала чай үстүндө көпкө сүйлөшүп отурушту, Гүлсара апасына өзүнүн төрөбөй калганын айтып ыйлап да алды…

Кубат менен Гүлсара уул багып алып эл чакырып ат коюп, жээнтек берип жатканда айылдын ортосунда жалгыз гана бир кыздын көзүндө көлдөгөн көз жашы кургабай, түнү бою солкулдап ыйлап тагдырына таарынып жатты. Бул Токтокан эле, бир үйдүн жалгыз кызы, алты эркектин ортосундагы жалгыз кыз. Агалары үйлөнүп-жайланып калган. Токтоканды Фрунзеге медучилищага окутуп койгон. Училищаны бүтүп практикага барып ошол жерде бир жигит менен сүйлөшүп калды, Айдар мугалим болчу, Токтоканды күндө жашаган жеринен ышкырып чакырып алат, ошентип алар күнүнө жолугуп жүрдү.

- Токтокан, сен мурда бирөө менен сүйлөшкөн белең? - деди бир күнү Айдар сынай карап.

- Жо-ок, сүйлөшкөн эмесмин.

- Чын айтасыңбы?

- Ооба, эмнеге калп айтмак элем.

- Сүйдүң беле?

- Жок, сүйүп да көргөн эмесмин.

- Кыздар ушинте бересиңер да, жок эле дегенде эки жигитиң бардыр запаста, - Айдар каткыра Токтоканды кучактап калды, - Тамаша, дароо эле таарына түштүңбү?

- Анан эмнеге антесиң? - Токтокан бултуя жер карады.

- Койчу эми, секелек кыздарча таарына бербей.

- Сен өзүң көрүнгөн менен жүрсөң керек да.

- Кайдан, мени бир дагы кыз караган эмес.

- Калп!

- Эмнеге?

- Кантип эле, сен мени өзүңдөй көрүп турасың да.

- Койдум эми, таарынбачы алтыным, мен сени гана сүйөм, бул өмүрдө сени эч кимге алмаштырбайм, - деп кучактап чоочубагандай кылып чачын сылап, көздөрүнөн секин өөп койду, - А сен мени сүйөсүңбү?

- Сенин сөздөрүң мени ирээнжитип койду, мындай учурда сүйүү эске келмек беле? - Токтокан андан бошоно кетмек болду, - Биз экинчи жолугуша албайбыз, жолдорубуз бирикпесин түшүндүм, - деди да ылдамдай басып баратканда Айдар жетип кармап калды:

- Кечирип койчу Токтокан, мен жөн эле тамашалап койдум.

- Жок-жок, экинчи мага жолоочу болбо, мен сени эстебегенге аракет кылам, бактылуу болуш үчүн сүйүүнүн деле кереги жок болсо керек, сүйүүсүн таңуулап, артыңдан үзүлүп түшө жүрөгүн колуна кармап алып жанын сабагандар жашоонун кызыгынын артына чыкпай эки бөлүнүшөт, андан көрө тынч жүргөнүм жакшы!

- Токтокан, сөзүмдү кайра алдым, кечирип кой мени.

- Кечиримдүү, баарын унутам, бул күндү да, сенин айткандарыңды да, сени дагы! - деп колун аста түртө басып кеткенде Айдар мостое караган бойдон кала берди. Кыз буулуга жүгүрүп көчө бойлоп келе жатып ыйлап келе берди: "Ушундай дагы адамдар болот экен да, неге-неге менин сүйүүмдүн акыбети кайтпайт, мен сүйгөн адам мени мазактайт, эгерде чын жүрөгүнөн сүйсө андай демек эмес, ал мени алдап жүргөн экен", - деп жашаган үйгө жакындаганда токтоду да көздөрүн аарчып, жоолугун оңдоп, өзүн ирээтке келтирип алып үйгө кирди, дабыш чыгарбай акырын басып өз бөлмөсүнө кирип баратканда:

- Кызым, тамак ичип ал, - деди үй ээси Дүрия.

- Эже, кардым ток, эс ала берейин.

- Кызым, ачка жүрбөсөңчү.

- Токмун эже, кабатыр болбоңуз.

- Мейли, эс алсаң эс ал кызым, - деп койду Дүрия. Токтокан жатып алып дагы ыйлап жатты, тулку бою солкулдап жатып уйкуга кеткенин өзү сезбей калды. Эртеси дагы таң эрте туруп, жуунуп тазаланды да жумушуна кете берди, эчтеке ичпеди. Жумушуна келип ооруларга укол салып, дары берип кайра кабинетине келгенде түш болуп калган эле.

- Тоня, сенин жигитиң бекерчиби? - деди Света деген аял.

- Эмнеге андай дейсиз?

- Таң эртеден бери ушул жерде, сени көргүсү келген го, качантан бери жолуга элексиңер? - деди тамашалай.

- Коюңузчу, менин жигитим деле жок, - Токтокан кызара жер карады.

- Уялба, жаш кезде нелер гана болбойт, жаштыктын буудан аттай буулуккан кези ай, бир жерге токтоно албай, алдыңдан күпүлдөгөн дайра көрүнсө дагы жалтанбай кечип өтүүдөн кайра тартпаган кез…

- Эже, сиз дагы сүйлөшүп чыктыңыз беле?

- Кайда-ан, сүйлөшкөнүмө жеткен эмесмин.

- Эмнеге?

- Ала качып алган.

- Жигитиңиз бар беле?

- Ооба, анда келген жериңден кетип калуу өтө кыйын болчу.

- Жигитиңиз унчукпай кала бердиби?

- Анда күйөөдөн чыккан кызга үйлөндү деген сөздөн намыстанчу, ата-энеси алып келип алса дагы жигити алчу эмес, чанда гана чечкиндүү жигиттер сүйгөнүнө арданбай үйлөнүп алаар эле…

- Сиз сүйлөшүп чыкпасаңыз дагы бактылуусузбу? - Токтокан көңүл бура астейдил сурады, - Ала качып алса деле бактылуу болгонго мүмкүнбү?

- Албетте, мен азыр бактылуумун Тоня, уул-кыздарым бар, баары үйлөнгөн, күйөөм өйдө карап сүйлөгөн жок, отуз жыл жашадык, - Света оор улутунуп алды, - Бирок жүрөк чиркиндин түпкүрүндө эзелки бир өкүнүч турат, ал өлгөндө гана бүтпөсө көкүрөктөн кетиши кыйын.

- Кийин жолуктуңузбу анан?

- Жок, көрө албадым, ал илимдин артынан түшүп Москвага кеткен бойдон эмне болгонун көрө албадым.

- Кыйын экен, - Токтокан ойлуу отуруп калды.

- Асты-ы өзүң катуу сүйүп калуудан сактан, сүйөм дегендин баары эле сүйүп жарытпайт, сүйүүнү билбейт, эч качан жүрөктөн чыккан сүйүү эмне экенин түшүнбөйт, ал оору, азап жана арман Тоня, сен ошол ооруга чалдыгуудан сак бол, кээде сенин сүйүүңө татыктуу эмес адамды сүйүп калышың мүмкүн, жашоодо баары боло берет, - деди Света ойлуу.

- Эже, жалгандан сүйөм деп алдагандар дагы болобу?

- Албетте, кээ бирөө арам оюн ишке ашыруу үчүн сенин алдыңда чарк көпөлөк болуп айланып өз сүйүүсүн таңуулашы мүмкүн, көзүндө жалаң алдамчылык көрүнүп турат, сен аны көрбөйсүң, байкабайсың, махабат деген өзү ошондой көзүңдү тумандатат, кооз сөздөргө, жылуу мамиле менен сезимиңди козгогон рахаттуу мүнөттөргө алданып каласың, аны өзүң дагы байкабай каласың.

- Кызык, чыныгы сүйүү экенин кантип билсе болот?

- Чыныгы сүйүү өтө назик Тоня, сенин жүзүңө карап сүйөм деп айта албайт, сени чын жүрөгүнөн сыйлайт, кыз алдында өзүн ушунчалык сыпайы кармап тартынып турат, дили менен көз карашы менен билдирет сүйүүсүн.

- Демек сүйүү ошондой болот экен да.

- Ооба, ошондой болот, бул жашоодо жаңылбай турган болууң керек, тигил жигитиңди жакшылап сынооң керек, эртеден бери сыртта аркы-терки басып жүрөт, кыязы таарынтып алган го, тынчсызданганына караганда.

- Жо-ок, таарынышкан эмеспиз.

- Анда жолугуп кой.

- Жок, кереги жок эже.

- Неге?

- Жумушта эмесминби, көргөндөр эмне дейт.

- Өзүң бил, - Света кызды сын көз менен карап тим болду. Токтокан унчукпай өз иши менен алектене кетти, ичи уйгу-туйгу: "Эмнеге жумушума келет, ушунча элдин көзүнчө ага жолукмак белем, менин абийиримди төккүсү барбы", - деп ойлонуп улам Светага байкатпай терезеден сыртты карап коет. Айдар кетпеди, түш ченде дагы эле турганын көрүп: "Балким чын эле сүйөттүр, эртеден бери ачка болду го, жумушуна да баргандай болбоду, жолугуп экинчи келбес кылайын, түштөнүү убагы болуп калды", - деп оорулуулар ашканага киргенде ал кийине сыртка чыгып баратып саатын карап койду: "Келип калам", - деди да Айдар турган жакка басты.

- Кандай Тоня? - Көрүп эле Айдар жете келип эки бетинен өөп учурашты.

- Айдар, эмнеге келдиң?

- Келсем эмне экен Тоня, мен сени сүйөм.

- Жок, мен сага ишенбейм, экинчи бул жерден көрүнбөй жүр, ушакка илингим келбейт, - деди Токтокан аны жактырбагандай.

- Токтокан, чыныңбы ушул, менин сүйүүмдү четке какканыңбы бул?

- Четке какканым жок, сен мени түшүн Айдар, мени алыс жакка баары бир атамдар бербейт, кой бар эми, биз экинчи жолукпашыбыз керек, - Токтокан айтып бүттүм дегендей артына бурула бергенде Айдар аны карыдан булка кармады:

- Сен мени мындай абалда таштап басып кете албайсың Тоня, сени мен оңой эле кое бербейм, эгерде башка бирөөнү таап алган болсоң ал ким, айтчы мага? - деп көздөрүнөн ызанын учкундары чачырай кыздын көздөрүнө тике карады, - Кана, кимди таап алдың, менден ашыкча бекен ыя?!

- Айда-ар, сен жинди болдуңбу, кое бер колумду, мага эч кимдин кереги жок! - Токтокан жини келип колун бошотмок болду, - Эл көрсө эмне дейт?

- Көрсө көрө берсин, мен эч кимден коркпойм, эскертип коеюн, кечинде үйүңө барам, эгерде үч ышкырганда чыкпасаң кирип барам да өзүм алып чыгам уктуңбу? - деди да карыша түшкөн колун кое берип тез-тез басып кетип калды. Токтокан аны ойлуу карап: "Эмнеге мынчалык жинденет, мен анын алып алган аялы белем, чыкпасам эмне кылып алмак эле, мени зордоп сүйдүрүп алмакпы, ушундайда бул жерден кетпесем болбойт", - деп арыз жазып жумуштан бошонууну ойлонду, бирок практиканттын убактысы бүтө электе бошотпосун эстеп супсуну сууй түштү. Ошону менен түштөнө да албай кайра ишке киришти, кечке маал башын жерге салып ойлуу үйүнө жөнөдү: "Дүрия эже мени жаман ойлоп калат го, кечкисин чыгып кеткеним туура эмес го, эптеп дагы үч ай өтүп кетсе кетип калат элем", - деп жашаган үйүнө келди. Дүрия эки небереси менен күйөөсү Алсейит болуп тамактанып отурушуптур.

- Кел кызым, учурунда келдиң, тамактанып ал.

- Азыр эже, кийим которуп алайын, - Токтокан өз бөлмөсүнө кирип кетип тез эле чыкты, - Кандайсыздар?

- Жакшы кызым, өзүңдүн ишиң кандай?

- Өз алдынча, жакшы эле.

- Сенин дагы сапарың бүтүп баратат ээ кызым? - Алсейит Токтоканга башын көтөрө карады.

- Үч ай дагы мен үчүн көп көрүнүп жатат, атамдарды аябай сагындым.

- Сагынбай анан, алар дагы сени сагынып күтүп жаткандыр.

- Тоня, практикаң бүткөндөн кийин дагы биерге кал десе кантесиң?

- Жо-ок, өз айлыма эле суранам го?

- Жакпай калдыбы биздин жер?

- Жок-жок, андай эмес.

- Мейли, өз эркиң, - Алсейит аялын астыртан карап койду, алар Токтоканды өзүнүн баласына чоттоп жүргөн эле, аскерден ары дагы беш жылга калып калган, ушу жазда келем деп кат жазган экен.

- Ар кимге туулган жери менен ата-эне ыйык, барса барсын.

- Сиздерге аябай ыраазымын, атамдарга айтып барам.

- Бир келип кетишсе таанышып алат элек, сендей жакшы кыздын ата-энеси кандай адамдар экенин көрүп айтып жүргөнгө жакшы, - деди Алсейит ойлуу алар: "Балама алып берем", - деп ооз ачышпайт. Токтокан алардын оюн билбейт.

Токтокан тамактангандан кийин дасторкон үстүн жыйнаштырып идиш аягын жууп, үй шыпырып анан жатты. Дүрия ага жумуш жасаткысы келбесе да Токтокан болбойт, өзү билип зымырайта жасап бүтүп коет ар дайым. Ал бүгүн дагы баарын бүт жасап коюп күдүк ойлорго берилип: "Эми эмне болот, Айдар келсе эмне дейм, келбе дегениме болбой мени кекеткени эмнеси, менин го ага көңүлүм бар, анын обу жок суроолорду бергени гана ирээнжитип жиберет", - деп ойлонуп отурганда сырттан ышкырык чыкты, жарык күйүлүү болчу, алдастай түштү: "Эмне кылам, эгерде чыкпасам чындап эле кирип келсечи", - деп ойлонуп турганда кайра чыкты ышкырык. Токтокан бөлмө ичинде аркы-терки басып ойлонуп жатканда үчүнчү ышкырык катуу чыгып кайра-кайра кайталанды, кыз шашыла үстүнө халатын жаба салып чыгып дарбазага жетти, Айдар ошол кезде эшикти ачып жиберди.

- Айдар, Алсейит акелер көрүп-билип калса эмне дейт, мени уят кылдың го? - деди кыз жинденгенинен энтиге үнүн пас чыгарып.

- Мен үчүн азыр алар эмес сен керексиң, экөөбүз чечишип алышыбыз керек, - деп кызды өзүн көздөй тартып кайра эшикти аста жаап койду.

- Эмнени, Айдар деги сенин оюңда эмне бар? - Токтокан тартына туруп калды, - Сенин менде эмне өчүң бар, кыйнап жибердиң го, кайсы күнөөм үчүн?

- Күнөөң жок, бирок сенин оюңду билбей башым катты, айтчы сен мени сүйөсүңбү? - деди ачуулана.

- Жок Айдар, катар басып, кездешкенде жылуу мамиле жасап, чакырса келип койгон кызды сүйөт десең жаңыласың, эки адамда бирдей болбосо жашоого кантип болсун, сүйүүнүн кадырын кетирип сүйүү-сүйүү дей бергенде эмне, сен али сүйүү эмне экенин билбесең керек?

- Эмне, мени келесоо деп жүрөсүңбү, сүйүү эмне экенин билбегидей, - Айдар өзүн кызыктай сезип кетти, - Балким мен сенин көзүңө айбан болуп көрүнүп жүргөндүрмүн, ушундайбы ыя? - Карысынан кармай булкту, - А сен билесиңби сүйүүнү?

- Кое бер Айдар, колум ооруп кетти.

- А менин жүрөгүм ооруп турат.

- Жөнү жок оорутуунун кажети жок эле.

- Тоня, Алсейит байкелер угуп калбасын, жүрү мындайыраак басалы, анан баарын чечишебиз, - деди жумшара кызды колтуктай.

- Ушул жерден эле бөлүнгөнүбүз жакшы, бири-бирибизди кыйнаганда эмне?

- Тоня, сен мени минтип өзүңдөн алыстата албайсың, жакшынакай жүрүп эле ушинткениңе түшүнбөй калдым сен мага таарындың го, айтчы таарынып калдыңбы Тоня?

- Жок, таарынганым жок, мен сени сүйбөйм, мамилебиз ошого жеткенине өкүнөм, жөн гана тааныш катары болобуз деп ойлогомун Айдар, мени кыйнабай кое берчи, - деп кыз бошонуп кетмек болуп анын колдорун түртүп жатты.

- Сен эмне мени жинди деп турасыңбы, ортобузда сүйүү болбосо эмнеге бири-бирибизди жолугууда жакшы мамиле, үмүт коштомок эле, сен мени минтип мазактабай Тоня, мен сени минтип кое бербейм, эркин бастырбайм, кайда болсо сенин артыңдамын, унутпа менин айткандарымды! - деди да терс бурулуп кетип калды. Токтокан турган жеринде катып калды: "Мен туура эмес кылдым окшойт, Айдар мени чындап сүйөт тура, ызаланып калды, мен дагы жакшы көрчү эмес белем, көрбөсөм токтой алчу эмес элем го, ушунчалык дагы таш боор болобу, жок жок, Айдарды кайтарып алышым керек, ал мени сүйөт, мен дагы", - деп ойлонуп дарбазаны акырын ачып шырп эттирбей илди да өз бөлмөсүнө кирип жатып алып дагы ойлонуп жатты. Андан кийин бир жумадай көрүнбөдү, караанын издеп кыз бушайман болуп жүрдү, Света анын ар бир кыймылынан байкап койчу, бүгүн дагы бош боло калганда аны сынай карап:

- Тоня, сен өзүңдү ушинтип эле кыйноо менен баарын жеңем деп ойлойсуңбу? - деди.

- Эже, эмнеге андай дейсиз?

- Сенин жүрөгүңдү кыйнаган санааны айтам.

- Жок эже, эч кандай санаам деле жок.

- Көзүңдөн, жүзүңдөн билинип турат, эгерде өзүң сүйсөң аны да, өзүңдү да алдоо менен эчтеке кыла албайсың.

- Эже-е, көзү ачыктай жүрөсүз да, - Токтокан күлүмсүрөп койду.

- Көзү ачыктык эмес, адамдын ички сырын жүзүнөн байкоо керек, сенин бара-бара мүнөзүң өзгөрүп баратат, чырт этме кыялың жок эле, сиркең суу көтөрбөйт, демек сенин жүрөгүңдү кыйнаган санааң бар Тоня, - деди Света, - Чынында сен өзүңдүн сүйүүгө кабылганыңды байкабай кыйналып жүрөт окшойсуң.

- Билбейм эже, өзүм дагы түшүнбөй калдым, практикам бүтсө эле ушул жерден кетсем баары унутулуп калат беле? - деп Токтокан улутунуп алды, - Айдар мени кыйнап жатат эже.

- Балким ал сени катуу сүйөттүр?

- Билбейм, ишенбей турам.

- Жакшылап ойлон, эгерде ал айтканына кайтпаса, сен үчүн кандай кыйынчылык болсо да чыдаса анда ал сени сүйөт, - деди кызды ойлуу карап, - Үйлөнөм дедиби?

- Жок, ал жөнүндө сөз боло элек.

- Анан эмне дейт?

- Сүйөм-күйөм эле деп башымды оорутат.

- Сенчи, сен аны сүйөсүңбү?

- Кеп ошондо эже, мен аны сүйөмбү же сүйбөймбү билбей башым катты.

- Сен өзүң бекем ишенгенде гана баары өз ордуна келет, азыр силер өтө эле жашсыңар, турмуштун өйдө ылдыйын көрө элексиңер, бала эле бойдонсуңар Тоня, жаштыктын дем экөөңдү тең эрдемсинтип бириңден бириң өтүп менменсип жатасыңар го?

- Билбейм эже билбейм! - Токтокан бетин баса калды.

- Токтоолук менен баарын жеңүүгө болот, мен Айдар менен сүйлөшүп көрсөм кандай болот?

- Жок-жок, ал сиз менен сүйлөшпөйт, - Токтокан шашкалактап кетти.

- Эмнеге?

- Анын ошондой экенин гана билем.

- Макул эми, ишке киришели, кечки уколдорду салып мен кете берейин, сен кийинирээк кетээрсиң, менин бир аз иштерим бар эле, - деп Света ордунан турду, экөө палаталарды кыдырып керектүү укол-дарыларын берип оорулуулардын ал абалын билгенден кийин Света үйүнө кетти, кечки күзөттөгү сестралар келгенден кийин Токтокан үйүнө жөнөдү, ойлуу жер карап кетип баратканда:

- Чоң кыз, мынча неге ойлуусуң? - деп бет алдынан Айдар чыга калды.

- Айда-ар…

- Күткөн жок белең?

- Жок-жок.

- Тоня сен мени сүйбөгөнүң чынбы?

- Айдар, неге эле мени мынча кекетесиң, өз-өз жолубуз менен тынч кеткенибиз жакшы эмеспи.

- Тоня, мен сени жан дилим менен сүйөм, кантип далилдейм сага? - деп бастырбай жолун тосту, - Айтчы, жок дегенде жүрөгүңдө бир жылуулук болгон жок беле?

- Айдар, сен кызганчааксың, болбогонду сурап жүрөгүмдү оорутасың, - Токтокан таарынычын билгизгендей ыйламсырап ийди.

- Ошого эле ушунча таарындыңбы, же мени сүйбөйсүңбү? - Эки карысынан ала өзүнө каратты, - Мен сенден чындыкты билгим келет, эгерде сен мени сүйбөгөн болсоң араны биротоло ачып алалы.

- Айдар, сен мени туура түшүн, сени сүйөм деп кыздар айта албаган сыяктуу эле мен дагы… - Токтокан жер карай бергенде Айдар аны шарт кучактап калды.

- Алтыным, сенин мени сүйөөрүңдү билгем.

- Анан эмнеге башка менен жүрдүңбү деп сурайсың?

- Эми антип айтпайм алтыным, сен менин жүрөгүмдүн ээсисиң.

- Менин дагы, кыйналып кеттим.

- Неге?

- Экөөбүз бири-бирибизге түшүнө албаганга.

- Түшүнөбүз, эң сонун түшүнөбүз, - деп Айдар кыздын саамайынан сылап чекесинен өптү, - Сен менин жанымда болсоң эле болду.

- Сен дагы менден жаман ойлобочу ээ?

- Жок, эч качан эми таарынтпайм.

- Мени кечирип кой.

- Эмне үчүн?

- Таарынып, сени жиндендиргеним үчүн.

- Ой жинди кыз десе, сен мени кечир, ыңгайсыз суроо менен таарынтканым үчүн, мындан ары эч качан таарынтпайм ээ? - Ээгинен өйдө кылып, көздөрүнө карады, - Макулбу, таарынышпайбыз, а-аа баса, бүгүн менин туулган күнүм, үйгө балдарды чакырып койгомун, жүрү кеттик, - деп кызды колдон алды.

- Айдар, мен кантип барам, ата-энеңдер эмне дешет?

- Эч нерсе болбойт, мен сени аларга байкатпай көрсөтүп коем.

- Койчу, мен уялам, бара албайм, - деп жер караган Токтокан кайра бир нерсени эстей калгандай Айдарга күлүмсүрөй карады, - Айдар, туулган күнүң менен куттуктайм!

- Рахмат, кана кантип? - деп Айдар анын жүзүнө жүзүн тийгизе кучагына алды, - Кана, кантип куттуктайсың?

- Куттуктайм! - деп күлүп андан боюн ала качты.

- Кана, өөп койчу, - деп бетин тосту.

- Айда-ар…

- Эгерде сүйгөнүң чын болсо өөп кой, - деп болбой кызды демите баштады, чынында Айдардын туулган күнү деле эмес болчу, атайын ойлоп таап кызды алдамак болгон, кыз тартынып туруп анан жигиттин бетине оозун жакындатып аста өөп койду, - Жок-жо-ок, чындап өп, - деп Айдар сөөмөйүн бетине такады, - Мына бул жерден өп, - Кыз көзүн жумуп алып кайра өптү, бул жолу ал чын дили менен өптү, - Алтыным рахмат, эми сенин сүйөөрүңө ишендим, - деп кайра кучактады, - Биз бактылуу болобуз, жакында ата-энеме айтам, үйлөнөөрүмдү айтам.

- Айдар, азыр кое турчу.

- Неге, бири-бирибизди сүйөбүз, демек эч кандай тоскоолдук жок.

- Мен дипломумду алып алышым керек.

- Кийин деле ала бересиң.

- Болбойт, мени сүйсөң күтөсүң туурабы?

- Макул-макул, анда туулган күнүмө барасыңбы?

- Айдар, сенин туулган күнүң деп эле тастаңдап кирип барганым болбос, ата-энеңди сыйлабагандык болот го?

- Эчтеке болбойт дедим го, болбосо билгизбейм.

- Жо-ок Айдар, сүйүүнүн да сыйлайлычы, ата-энебиздин алдында жөн эле кирип барганыбыз болбойт, өз убагында болгону жакшы.

- Тоня, макул анда, өзүбүзчө бир жерде отуралы, мен досума сүйлөшөйүн, үйгө барбай эле ошол жерде тособуз, сен азыр үйүңө бар да мени күт, тез эле келем, үйдүн ээсине иштешкенимдин туулган күнү деп жооп сурап күтүп тур жарайбы? - деп Айдар кызды эптеп көндүрүүгө аракеттенип жан үрөп жатты. Арам ою жок кыз анын айтканына көнүп ойлонуп калды: "Барбай койсом дагы таарынышабыз, мен өзүм дагы сүйөм го, неге барууга болбосун, бир күнгө эч нерсе деле болбос", - деп ойлонуп турду да.

- Болуптур, ал жерде кимдер болот? - деди.

- Досторум, кыздар-балдар келишет.

- Барам, сен кайра кел.

- Алтыным десе, сенин макул болооруңду билгемин, - деп кызды жерден так көтөрүп алып бир топко чейин басып барды.

- Айдар, түшүнчү мени бирөөлөр көрсө эмне дейт?

- Эч нерсе дебейт, сен менин болочок келинчегимсиң да.

- Ошондо деле уят эмеспи, ушак кылып ийишет.

- Ушактан коркпо жаным, - Айдар кызды түшүрдү да далысынан кармап алып жөнөдү, - Мен келгенче даяр тургун ээ?

- Жарайт-жарайт, - Токтокан күлүмсүрөй карап койду. Экөө ээрчише Алсейиттин үйүнө келгенде Токтокан дарбазадан кирип кеткенде Айдар кытмыр жылмайып алып жолуна түштү. Жумадил экөө жакшы жолдош, бири-биринин сөзүн четке какпайт, анын үйүнө жетип эле өз оюндагысын айтканда ал:

- Айдар, тиги Русландын үйү бош, мен эки кыз эки баланы табам, Русландын дагы кызы бар, менин аялым болуп күтүп алабыз, - деди да чөнтөктөрүндөгү акчаларын чогултуп, бир тоок тапмак болушту. Ошентип Айдар үйдү даяр кылып коюп анан Токтоканга келип аны ээрчитип алып келип калды. Жумадил менен Руслан экөө эки кыз менен отурушкан, алар Токтоканды жылуу тосуп алышты.

- Ох-хоо, бу доктур кыз биздин аяш болот тура, - деди Жумадил таанышкандан кийин тамашалай.

- Буйруса күздө үйлөнөбүз, - деди Айдар компое сырдуу жылмайып.

- Айдар, - Токтокан кызара аны карады.

- Үйлөнсөңөр биз турабыз, достор бири-бирин колдобосо болбойт.

- Албетте, чогуу үйлөнөбүз, биз дагы Жанаркүл экөөбүз быйыл күздө үйлөнөбүз деп турабыз, ээ Жанаркүл? - деди Жумадил.

- Ийи, - деп койду Жанаркүл.

- Кана эмесе Айдардын туулган күнүнө бирдеме деп койбойлубу? - деди Руслан аялына карап, - А биз качан үйлөнөбүз периштем?

- Биз бүгүн деле үйлөнө берсек болот, - деди күлгөн Арзуу, күйөөсүн табышмактуу карап.

- Азамат, кыздардын баары сендей болсо, - деп Айдар аларды карап колун чаап койду, - Тоня болсо кийин-кийин эле дейт, - деди капалуудай, ал ушул кез Токтоканды кыз эмес го деген ойдо турду. Бирок анын оюн эч кимиси сезген жок, Айдардын туулган күнү үчүн винодон ичип отурушту, Токтоканга байкатпай арактан кошуп коюп жатып ал кызып калды, билгизбегенге аракеттенип ал Айдарга:

- Мен кетип эле калайынчы, - деди акырын.

- Койчу жаным, бүгүн биерде эле калып кал, жарым түндө Алсейит абанын аялы сени эмне деп ойлойт, бөлмөлөр бош, жүрү эс ала бер анда, - деп төркү бөлмөгө алып кирип жаткырып койду. Токтокан жаткан бойдон эч нерсе билбейт, ойгонсо кийими жок жыпжылаңач төшөктө жатыптыр, эки жагын караса эч ким жок, төшөктө тамчы кан, ошол жерден катуу чаңырып алды. Кийинип сыртка чыгып караса Жумадил жүрүптүр.

- Айдар кана? - деди өзүн токтотуп.

- Ал кеткен.

- Каякка?

- Үйүнө.

- Келем дедиби?

- Жок, атасы аны жайлоого барасың деп алып кетти.

- Аа-а, - деди да ичи уйгу-туйгу болуп, өзүнүн токтоолугу жеңип намысынан жарылганы турса дагы ыйлабай акырын чыгып кетти. Анын көзүнөн жаш чыкпаганы менен жүрөгү канап, бүткөн бою салмактанып ооруп жатса дагы жумушуна келди. Кечке бук болуп кабагы салыңкы болуп жүргөндө Света ага сын көз менен карап:

- Тоня, сенин өңүң эмне болуп турат? - деди.

- Эч нерсе, түндө уктай албай чыктым.

- Неге, эмнени ойлонуп жүрөсүң?

- Атамдарды сагындым, кетким келип жатат эже, - деп ошондо өзүн кармай албай буркурап ийди, - Жооп сурап барып келсем болобу эже?

- Эмнеге болбосун, суранып көр.

- Сиз сурап бериңизчи.

- Өзүң эле суран, эки-үч күнгө барып келсең болот.

- Макул эже, башкы врач өзүндө болду бекен?

- Өзүндө эле го, - деп Света кызды сынай карады. Токтокан ошол эле күнү суранып алып үйүнө жөнөдү, беш саат жол жүрүп үйүнө келди, апасы кызын көрүп утурлай басты.

- Секелегим келген го, оо садагаң кетейин десе, - деген Айсалкын кызын жетип кучактап калды, - Садага болоюнум!

- Апа, сагынып кеттим, - Эне бала кучакташып турганда Алыбек чыга калды, Токтокан апасынан бошонуп атасына жетип кучактап калды, - Ата, атакебай!

- Сексеңдеген секелегим десе, келдиңби кызым? - Кызын кучактап чачынан жыттап үйдү көздөй басты, - Биротоло келдиңби кызым?

- Жок ата, кайра кетем да.

- Практикаң бүтө элекпи?

- Жок, - деп отуруп калды.

- Мейли кызым, эс ала гой, эртең эле турат экенсиң да?

- Ооба.

- Анда козудан соелу кызым, жашаган жериңе да ала кет.

- Жөн эле койбойсуңарбы ата.

- Кой кызым, өз үйүңдөн тамак-аш ала кеткениң жакшы го, - дешип ата-энеси кызына үйрүлүп түшүп берээрге эчтеке таппай жатышты. Козу союп, ойноп жүргөн чоңураак небересине от жактырып, уул-келинин чакырып Токтоканды сыйлап жатышты. Токтокан канчалык оюндагысын айтайын десе да айта албады.

- Кызым, кабагың салыңкы, бир санааң бар го? - деди Айсалкын кызы экөө ээн калганда, - Эмнеге капасың кызым?

- Жок-жок апке, эч кандай капам жок, болгону силерден алыс болгонго өзүмдү жаман сезип жүрөм окшойт, тезирээк эле практикам бүтсө жакшы болот эле, - Токтокан улутунуп алды.

- Практикаң бүтсө өзүбүздүн эле айылга бөлүнүп алганың дурус болот беле кызым.

- Аракет кылам апа.

- Ошент кызым, кантсе дагы өз айылың эмеспи, - Эне-бала сүйлөшүп отурду, Токтокан ички сырын, кайгысын айтмак болгону менен айта албады. Жан дүйнөсү зыркырап, жүрөгү ооруп сыр билгизбей сыртынан жылмайып эки күн зорго чыдады, сырын айтып жеңилдейм деген оюнан кайтып үчүнчү күнү ата-энесинин бергендерин алып жолго чыкты. Кеч күүгүмдө келген Токтоканды Алсейит менен Дүрия жакшы тосуп алышты.

- Кызым, жакшы келдиңби?

- Ата-энеңдер жакшы жүрүшөбү?

- Жакшы, сиздерге салам айтышты, - Токтокан алып келгендерин ашканага киргизди, анан өзү тамак жасамак болду.

- Саламат болсун кызым, мынчаны берип убараланышкан экен.

- Жо-ок жок эже, атайын сиздерге деп берип жиберишти.

- Рахмат, өзүң бактылуу бол айланайын, - Токтоканды Дүрия жылуу жүз менен карады: "Бечара, жакшы бүлөөдөн экени билинип турат, уулум келип калса жакшы болот эле, бири-бири менен жакшылап таанышып жактырышып калса", - деп ойлонуп отуруп калды. Токтокан Айдарга бир жолугууну ойлогону менен ал көзүнө көрүнө койбоду: "Демек ал өзүнүн оюн ишке ашырууну гана көздөгөн экен, неге адамдар ушундай болушат, убал соопту ойлонушпайбы, Айдар сен ушундай акмак белең, менин убалымды кандай сезбейсиң", - деп күнү-түнү көз жашын көлдөтүп жүргөндө ооруканага Жумадилдин сүйгөн кызы ооруп жатып калды. Токтокан андан сурамак болуп анан тим болду. Экөө эски тааныштардай учурашышты.

- Кандайсың Тоня? - деди адегенде Жанаркүл.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Ойдогудай, иштеп жүрөм.

- Айдарга жолугуп жатасыңбы?

- Жо-ок…

- Ал эки күн мурун шаарга кеткен.

- Өзү билсин.

- Сен аны сүйөсүңбү Тоня?

- Неге сурадың?

- Деги да, ал үйлөнөм деп жаткан.

- Качан? - Кыз көздөрүн алайта карап калды.

- Жакында деди го.

- Үйлөнсө үйлөнөт да, - Токтокан тез бурулуп палатадан чыга жөнөдү.

- Тоня токтосоң.

- Эмне болду? - Ага карабай токтоп жооп күтүп калды.

- Айдар шаардан кыз ала качып келет дешти.

- Аны мага айтуунун кажети канча?

- Деги да, баягыда силер…

- Кереги жок, ал жөн эле айткан, - деди да ызадан буулуга коридорго чыгып ажатканага оозун баса кирип эшикти бекитти да буркурап жиберди, - Неге ага ишендим, убалымдан коркподубу, акмак Айдар, ылайым убалым жетсин", - деп шыбырап ыйлай берди. Көптө барып өзүн ирээтке келтирип ишине киришти, көздөрү бир аз шишимик тартып калганын көргөн Алия ага эңкейе карады:

- Сен эмне ыйлагансыңбы?

- Жо-ок, эмне болуптур?

- Көздөрүң кызарып кетиптир.

- Ооруп турам.

- Ысытмаң барбы?

- Жок, жөн эле.

- Мейли, байкап көр, эгер катуу ооруп калба.

- Кудай сактасын, - Жылмайган болду, бирок жүзүндө сумсаюу кеткен жок, ички сезиминде бурганактуу борошо уруп, жан дүйнөсү аязга үшүгөн жалбырактай бүрүшүп турган, чымчыктыкындай жүрөгү түрсүл кагып Айдарга наалат айтып турду. Ошентип Айдардын үйлөнгөнүн дагы укту, ошондо ал ооруп калып шаарга биротоло кетти, эки-үч жума ооруп жатып анан дипломун алууга киришти да Фрунзедеги төртүнчү ооруканага медсестра болуп орношту. Ал арада эптеп Айдарды унута баштаган, бирок ал окуя аны менен эле бүтүп калбаптыр, ошол жан дүйнөсүнө бүлүк салган түн өмүр бою жүрөгүндө так болуп калаарын сезбеген, качан гана бүткөн бою салмактанып ичи дөмпөйүп, бүлк-бүлк этип калганда жүрөгүндө сайгылашкан түбөлүк арманга кабылганын билди. Арадан үч ай өткөн, өзү тааныш врачына көрүнсө үч айлык боюнда болуп калыптыр, жер астын үстүн болуп көзү тунарып, башы айланып кабинеттен араң эле чыкты да ишине келди. Ою онго бөлүнүп: "Жок-жок, мен муну алдырып салышым керек, ата-энем эмне дейт укса, аларга билгизбей жоготушум керек", - деп эки күндөн кийин акушеркага келди. Ал Токтоканды сынай карап туруп:

- Кызым, биринчиңби бул? - деди.

- Ооба, төрөгөнгө даяр эмесмин, күйөөм аскерде, - деп араңдан зорго калп айтканга үлгүрдү.

- Жок кызым, биринчиден срогу чоң, экинчиден сен муну алдырсаң кайра балалуу болушуң күмөн.

- Неге?

- Биринчи баланы алдырууга болбойт, төрөбөй калышың мүмкүн.

- Эже, анан эмне кылам? - Токтокан акушерканы аргасы кете карады, - Төрөгөндө караш керек.

- Күйөөңдүн ата-энеси барбы?

- Жок, эч кимиси жок.

- Өкүнүчтүү, бирок биз дагы тобокел кыла албайбыз.

- Эже, мен баарына кайылмын.

- Өзүңдүн ата-энең барбы?

- Бар, алар билбейт.

- Аа-ай жаштар, жаштар…

- Эже, бир айласын табыңызчы.

- Болбойт кызым, бир адамды өлтүргөнгө барабар күнөө жасагым келбейт, ар бир пенденин өз тагдыры бар, жараткан кудай ага шыбагасын кошо жаратат, бара гой, - деди акушерка, бара берсең болот дегендей мааниде, - Ии-ий баса, тезинен учетко туруп көрүнүп тур.

- Эже, дагы келем, ойлонуп көрүңүзчү, - деди да чыгып кетти, ошондон баштап анын жүрөк астында дагы бир жүрөк кагып, сыртка чыгууга далбастагандай туйлап күн өткөн сайын чоңоюп баратты. Жол алыс болгондуктан ата-энесине почта аркылуу сүйлөшүп турат, иши шаарда болуп калганга апасы катуу кейиди. Бирок бир жылдан кийин которулам дегенине кубанып калды. Жети жарым ай болгондо декретке чыгып курбусунун бөлмөсүндө жашап жүргөн. Бир күнү төрөөрүнө аз калганда балага керектүүсүн алганы дүкөндө жүрсө алдынан Айдар чыга калды, курбусу экөө өтүп кетээрде:

- Тоня, бул сенсиңби? - деп Айдар аны карыдан алды.

- Эмне керек сага? - Токтокан ага ызалуу көздөрү менен ата караганда Айдар тайсалдай түштү.

- Тоня, качан турмушка чыктың эле?

- Сен аял алган күнү!

- Койсоң эми, кечирим сурайм, бир аз токтой турсаң.

- Менин сенде ишим жок.

- Менин сөзүм бар, сүйлөшүүбүз керек Тоня.

- Убактым жок! - Токтокан аны көкүрөккө түртүп жиберип басып кетти, - Кеттик Салима. Айдар аларды делдээ карап кала берди.

- Тоня, бул ким? - Салима узагандан кийин суроо узатты.

- Бир тааныш.

- Жакшынакай жигит экен.

- Сырты кооз…

- Балким ичи деле ошондойдур?

- Жактырып калдыңбы?

- Жо-ок, бирок жактыра турган эле жигит го?

- Салима, сиркем суу көтөрбөй турат, жөн басчы кудай жалгагыр.

- Болуптур, - деп Салима курбусуна карап ийин куушуруп койду, дүкөн аралап керектүүлөрүн алгандан кийин үйүнө келишти. Токтокан кыжаалат болуп эч нерсеге көңүлү келбей жатып алды: "Эмнени сүйлөшмөк эле, эмне үйлөнгөмүн, сени үйдөгүлөр кабыл албады дейби, же мен ага бул сенин балаң дешим керек беле, кантип уялбай токтотту, деги эркектердин жүзү эмне деген уятсыз жүз, таштап кеткенин эрдемсип мактангысы келеби, уятсыз десе, мен анын күнөөсүнөн минтип бей күнөө бир пендени көтөрүп жүрөм", - деп ыйлай берди. Ошонун эртеси Салима жумушуна кетип жалгыз отурган эшик кагылып калды, каалганы ача койсо Айдар туруптур.

- Се-ен.

- Тоня, кайра эле кетем, сүйлөшүүм керек.

- Жок Айдар, менин азыр күйөөм бар, сенин дагы үй-бүлөөң бар.

- Тоня, мени кечир, бир жолу убакыт бер, сенин алдыңда күнөөлүүмүн.

- Кереги жок, кетип кал азыр, коңшуларды чакырам, - деп каалганы тарс жаап алып кайрадан ыйлап кирди: "Эмнеге менин тынчымды алат, аялы менен жашабай калган го, эми мени ишенет деп турабы, кантип ошону менен сүйлөшөм, тагдырымды талкалады, ичимдегини эмне кылаарымды билбей отурам, кайрадан менин жашоомо пайда болгонун кара", - деп ойлонуп ичинде боздоп жатты:

- Тоня, ачып койчу, бир эле жолу мени укчу.

- Кетип калчы, менин сени көргүм келбейт.

- Кечир мени, бир жолу эле сүйлөшүп койсоң.

- Кет деп жатам, менин сени көрөйүн деген көзүм жок! - деп ыйлап жатканда Салиманын үнү угулуп Айдар менен сүйлөшүп калды:

- Эмне жумушуңуз бар, каалабаган соң убара болбоңуз да.

- Чоң кыз, мен Тоня менен сүйлөшүүм керек.

- Ал каалабасачы?

- Суранам чоң кыз, бир эле жолу мүмкүнчүлүк берсинчи.

- Мен айта албайм, анын азыр капаланууга болбосун билбейсизби, кош бойлуу аялга капалануу болбойт.

- Кечирип кой чоң кыз, - Айдар эми Салима менен сүйлөшмөк болду, - Сизге бир мүнөткө мүмкүнбү?

- Эмне үчүн?

- Жүрүңүз, атыңыз ким?

- Салима.

- Салима, Тонянын абалын көрдүм.

- Көрсөңүз бара бериңиз.

- Салима, кудай жалгагыр, Тонянын күйөөсү чын эле барбы?

- Анын сизге кандай тиешеси бар?

- Токтоңуз, сиз менен башка жерден жолугалы, эртең сизди күтөм, - деди да колуна дарек жазылган кагазды карматты, - Жакшы калыңыз.

- Жакшы барыңыз, - Салима аны узата карап: "Буларда бир сыр бар окшойт, жолукса жолугуп көрөйүн", - деп ойлоп жолугушчу жердин дарегин бир карап алып чөнтөгүнө салды да эшикти тыкылдатты, - Тоня, ач эшикти.

- Кеттиби? - деди Токтокан ичтен.

- Ооба, ал кетти.

- Жумуштан эрте келдиң го?

- Ооба, жооп сурап келдим, сенден кабатыр болом.

- Рахмат сага курбум.

- Деги жанагы неме экөөңдө эмне сыр бар, андан эмнеге качасың?

- Дагы баштадыңбы?

- Койдум эми, кыйналган жоксуңбу, сенин төрөтүң жакындаган сайын эле мен корком.

- Коркпо, эмне болсо да болсунчу, - деди кайдыгер Токтокан.

- Койсоңчу.

- Тажап баратам, эптеп кутулуп алсам болду эле, - деген Токтокан ойлуу отуруп калды.

- Тоня, төрөгөндөн кийин эмне кылайын дейсиң? - Салима күтүлбөгөн суроону бергенде Токтокан жооп таба албай калды: "Чын эле эмне кылам, төрөтканага таштасам уят, кайда алып барам", - деп отурганда, - Азыр баланы таштаганың билинсе жаман, бир жагы уят болосуң, - деди Салима.

- Эмне кылам Салима?

- Мен да билбейм.

- Кудай ай, эмне кылуум керек? - деп ыйлап басылды Токтокан, бир кезде оюна айылындагы баласы жок Кубат менен Гүлсараны эстеди: "Эмне болсо дагы көрөм да, балага зар болгон немелер жакшы багып алышат, мен дагы көрүп, угуп турам, түндөп барып таштайм дагы үйгө барып көпкө жүрүп келем, балким айылга которулуп алам", - деп ойлонуп көңүлү жайлана түштү. Убакыт жетип төрөтканага төрөдү, уул экен, тааныштарына ар кандай калпты айтып кутулду, жети күн дегенде киндиги түшпөсө да төрөтканадан чыгып таксиге отурду да айылына келди. Эмчегин жети күнгө чейин дагы эмгизген жок, ал сүтү кайтып кетсин деп баланын оозун тийгизбеди, сүт чыкпай жатат деген шылтоо менен берген дарыларын да ичпеди. Түнү бою жол жүрүп эптеп Кубаттын үйүнүн жанына келсе жарык түшүп туруптур, кайра аркы көчөгө айдатты да таксини кетирип жиберип дарбазасы жок үйдүн эшигине келип жаткырды да эшигин катуу-катуу ургулап туруп жүгүргөн бойдон жолго чыкты, далдоого тура калып артын караса үйдөн киши чыгып эки жакты элеңдей карап туруптур…

Ошентип Токтокан баласын таштап үйүнө таңга маал кирди, аны көргөн ата-энеси чоочуп кетти. Өңү азгын, арыктап кеткен кызын көргөн Айсалкын тызылдап ийди.

- Карангү-үн, ооруп калдыңбы кокуй?

- Ооба апа, көптөн бери ооруп жүрөм, иштен чыгып келдим.

- Көрүнүп дарыландыңбы?

- Ооба, азыр жакшы элемин.

- Катыгүн ай, шаарда жүрүп тамак аштан кемип калгансың го, бир ичеги болуп, - деп кейип таң сүрүп келе жатканда чай кайнатып, бөпөлөп баштады кызын. Дал ушул кезде Айдар Салимадан уккандан кийин өз үйүнө кеткен. Ал үйлөнүп эки ай жашап эле ажырашып кеткен болчу, өзүнүн аңкоолугуна жини келип, Токтоканды чындап сүйөөрүн кеч билди, анткени Лираны ата-энеси сүйлөшүп коюп ала качып алган, жакшы эле таежелеринин кызы болчу. Бири-бирин сүйбөгөн соң мамилелери келишпей эки жолго түшкөн соң Токтоканды издеп жүргөн эле. Ал Токтокандын кош бойлуу экенин, ал өзүнөн экенин сезди, кечире койбосун түшүнгөн соң ата-энесин алып келүүгө кеткен эле. Ошол убакта Токтокан баласын алып ал жерден дайынсыз жоголду. Бул бир миң тогуз жүз сексен бешинчи жылдын сентябрь айынын алтысы болчу. Жүрөгүндө тоңгон муз, көөдөнүндө толгон арман менен көпкө кыйналып жүрүп бир аз тыңып калганда шаарга барып жумушун өз айылына котортуп алды да иштей баштады. Балдар бөлүмүнө иштеп өзүн алаксытып калган.

- Ээ кызым, сенде катылуу бир сыр бардай, мен энеңмин, ачык айтчы садага, - деди бир күнү Айсалкын.

- Эмне сыр болмок эле апа?

- Билбейм, жүрөгүңдө бир нерсе бардай…

- Койчу апа, ишим жакшы өз үйүмдөмүн.

- Ошентсе да, баскан турганың дагы башкача.

- Неге? - Токтокан апасын алая карады.

- Та-аң, кыз баланын басыгы…

- Эмне болду апа? - Таңгала тигилип калды.

- Мейли кызым, баягы Өскөнбайдын аялы өткөндө келиптир, баласы бар эмеспи?

- Анан, эмне дейт?

- Токтоканды келин кылып алайын, жок дебегиле деп…

- Жок апа, мен азыр күйөөгө тийбейм, - Токтокан терс бурулду.

- Кой кызым, окууң бүттү, ишиң бар, кыз баланын көп жүргөнү болбойт, баланы көр, байкап анан жооп кыл.

- Апа, Алинурду кантип тааныбайын, кереги жок анын, - Токтокан ачуусу келе апасына кайрылды, - Келгениме аз эле болду го, - Тажадыңарбы менден? - деп Токтокан апасына таарынгандай көрсөттү, - Ылайыгы келбесе деле тийе бермек белем, Алинурду башынан жаман көрөм.

- Жакшы эле жигит го, бухгалтер болуп иштейт, ата-энеси дагы жаман кишилерден эмес, - деди эне кызын ойлуу карап: "Чунак кызым десе, бул соо эмес, бир балээси бар, жаңылып-жазып калган го, дене бою да төрөп түшкөн аялдай жайылып келди, ээ жараткан шерменде кыла көрбө, элге журтка уят болбосок экен", - деп ойлонуп оор үшкүрүнүп алды. Токтокан токтоо тартып кеткен, баягы эркелиги жок, үйдө да, жумушунда дагы ойлуу жүрөт. Бир күнү Гүлсара баласын таразага алып келип калды.

- Чоң кыз, менин уулум үч айдан өттү, салмагы жакшы бекен, көрүп койчу кызым, - деди Гүлсара ага.

- Аа-а азыр эже. - деп бүткөн бою калтыраган Токтокан баланы колуна алып тартып көрүп: "Тобо-о, мен эмне болуп турам, кызык Айдардын эле өзү болуп чоңоет экен, кантип чыдап жүрөм эми, ай кудай ай, мени өлтүрүп ийсе деле өзүм баксам болмок экен, эми кантем", - деп кайсактай өз ишин кылган болуп боюн ченеп көрүп жатты, колдору калчылдайт тим эле.

- Кандай, жакшы элеби? - Гүлсара баласын алып жатып сурады.

- Ооба эже, жакшы багыпсыз, аты-жөнү ким? - деди жүзүнө карабай.

- Кубатбеков Алманбет.

- Жакшы экен, жазып койдум ай сайын калтырбай келип туруңуз.

- Калтырбайбыз эжеси, - деди да Гүлсара кабинеттен чыкты. Токтокан аларды узата карап туруп: "Эжеси дейби, мен эжеси эмесмин мен энесимин, угуп койгула мени, мен энесимин!", - деп үнүн чыгара айтып ийгенин байкабай калды. Көптө барып өзүнө келип денесинин калтырагы басылып эс ала түштү: "Мен жинди болдумбу, энелик укугумду өзүм жоготподум беле, аттиң ай, өз балаңды жанында туруп колуңа алып кумарлана жыттай албаган кандай арман, эми анда менин акым дагы жок, караганга да укугум жок, бул менин түбөлүк арманым болуп калды", - деп көзүнүн жашы төгүлүп турганын сезбей отурганда балдарын көтөрүп башка бирөөлөр кирип келди ошол күнү ал жалгыз болчу. Врачка кирип анан ага кирип жаткан. Кечке маал көңүлү чөгүңкү үйүнө келсе үч аял менен эки эркек отуруптур.

- Келгениң жакшы болду кызым, үйдө конок бар, - деди Айсалкын.

- Кимдер алар?

- Көрөсүң азыр үйгө киргенде, - Айсалкын кызын күлүңдөй карады.

- Апа, мен ал конокторуңдун үстүнө кирбейм, - деп Токтокан терс бурулуп өз бөлмөсүнө кирмек болуп баратканда.

- Тоня! - деген тааныш үн артынан угулганда уккан кулагына ишенбей жалт карады, - Кандайсың Токтокан? - Күлүмсүрөй Токтоканга карай басып келе жатты:

- Сен кайдан? - Токтокан аны жек көрө тиктеди, көз алдында бүгүнкү өзү көргөн болпойгон наристе, анын түспөлү Айдардын эле өзүнө окшошуп эстегенде жини келип:

- Менин сени көргүм да келбейт жогол! - деди.

- Кызым, сага эмне болду? - Айсалкын жете келди.

- Апа, мына буларды азыр жоготуңуз, уккум да, көргүм да келбейт!

- Кызы-ым…

- Болду апа, - деп бөлмөсүнө кирип кетти.

- Сиз кабатыр болбоңуз, мен өзүм сүйлөшөм, таарынычы жазылбай жүрөт, - деп Айдар Токтокандын артынан кирип келди, - Тоня, мени кечир, сенин алдыңда күнөөм чоң, тизээ бүгүп чөгөөлөп кечирим сурайм, дарегиңди Алсейит абалардан алып келдим, ата-энем дагы келди, өлтүрөм десең мен мына, - деп тизээлей калып башын жерге салды, - Мен сени чын жүрөгүмдөн сүйгөмүн, атамдар болбой эле таежемдин кызын алып берип койгон, эки ай гана жашап ажырашкам.

- Мунун баарын мага айтуунун кереги эмне, баары өттү кетти Айдар.

- Кантип Токтокан, кечире албайсыңбы?

- Кечирилгис күнөөңдү мага айтпа.

- Тоня, жок дегенде балабыз үчүн кечир! - дегенде каалганын артында тыңшап турган Айсалкын оозун баса калды, - Уул төрөпсүң, Салимага жолуктум, ал баарын айткан.

- Бала, кайдагы бала, менин сени менен да, балаң менен да ишим жок, тынч кана кетип калгыла! - деп Токтокан заардуу жүзүн бурганда Айдар андан чоочулай тура калды.

- Кантип, бала кайда Тоня?

- Жок, бала өлгөн!

- Эмне-е, мен кубанып келбедим беле?

- Ыя?! - Токтокан ага жакын келди, - Мен эрсиз төрөгөн баланы ата-энемдин төрүнө көтөрүп келип мактанмак белем?

- Кайда, кайда калды бала?

- Айдар, азыр чыгып кетпесең экөөбүздүн бирибиз өлөбүз!

- Макул-макул, бирок мен кетпейм, ушул жерде кулуңдай өмүр сүрөм Тоня, эч кайда кетпейм! - деди да Айдар чыгып кетти, Айсалкын анын чыгып кеткенин көрүп кызына кирди.

- Мен эми баарын билем кызым, сезгемин ушунуңду, жаңылбаган адам болбойт, астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, атаң укпасын, сени Айдар сүйөт экен, башкага барганда бакыт табалбайсың, менин акылымды ук, аны кечир кызым, үйдө уяттуу коноктор отурат, бизди уятка калтырба, - деди да чыгып баратып, - Кийимиңди которуп алып чык бери, атаң конок каадасын кылып жатат, - деди.

- Апа!

- Болду сүйлөбө, атаң укса экөөбүз тең соо калбайбыз.

- Апа дейм!

- Үнүңдү өчүр, мен сени бул жолго түрткөн эмесмин! - деди дагы чыгып кетти. Токтокан мелтирей туруп калды: "Мен туура эмес кылып жатамбы, баланы таштабай койсом болмок экен, келбей эле турсам Айдар келмек тура, эми ал жөнүндө оозумдан сөз чыкпашы керек, унутам аны, ардактап багып жаткан адамдардын жүрөгүн оорутпашым керек, бир гана менин ички арманым болуп кала берсин", - деп ойлонуп тура берди.

- Токтокан, келчи бери, - деп Айсалкын үн салып калды.

- Азыр апа, - Токтокан бир аз өзүнө келе кийимин которуп алып апасынын жанына келди, - Эмне болду?

- Азыр конокторго шорпо алып кир, баланын ата-энеси сени көрөлү деп жатат.

- Эмне, жакпасам эмне кылат?

- Көп сүйлөбө, Айдар сен деп атайын алыстан алып келиптир, жиндилик кылбай кирип шорпо куй.

- Эмнеге киргиздиңер?

- Сени менен сүйлөшүп жүргөнүн айтты, кулдук уруп куда бололу дешти, анан кантип сакалдуу кишилерди киргизбей коебуз?

- Келсе келип кетет эле го, мени шаарда деп койбойт белеңер.

- Болду, эт бышып калды, туруп коноктордун алдына кир! - деди Айсалкын кызына ачуулана карап, - Эсиңде болсун, сенин өткөнүң атаңа жетпесин, чыгып Айдарды үйгө кир дегин, - деди өктөм.

- Жарайт апа, - деп эшикке чыкса Алыбек туруптур.

- Айла-анайын, ишиңден келдиңби кызым?

- Ооба ата, - Токтокан атасынан көзүн ала качты.

- Конокторго кирдиңби кызым?

- Жок ата.

- Бери басчыv кызым, - деп Алыбек кубангандай Токтоканды өзүнө чакырды, ал жанына келгенде аста шыбырады, - Күйөө болчу жигит мага жакты кызым.

- Ата, коюңузчу эми, - Токтокан эркелей кетти.

- Бактылуу болсоң болду кызым, уялба менден.

- Жөн эле сүйлөй бересизби?

- Сууну сиңген жерге сеп, сөздү укканга айт деген кызым, тарбия көргөн кыздай бол, алыстан келишиптир, шагын сындырба, кымызды ичкенге, кызды сураганга бер деген, жигит өзүңө жакса биз жок дебейбиз, - деп чачынан сылап койду, ошол убакта арытан Айдар көрүндү, - Кел балам, үйгө кир, - деп Алыбек аны кол жаңсай үйгө баштап кирди. Токтокан унчукпай ары басты. Ушул саамда ал Айдарга болгон таарынычы жазылгандай бир дем менен улутуна аякка шорпо куюп үйдү көздөй жөнөдү: "Ата-энеси эмне дейт, Айдардын айтканына көнүп ушунча жерден келсе, уят болбошум керек, атамдарды да капа кылбайын, кечирим сурап турса кайда бармак элем, баланы сураса жок өлгөн деп коем", - деп ички бөлмөгө тартына кирди. Айдардын ата-энеси Токтоканды көрүп жактырып калышты, алар Алсейиттерден кыздын кандай экенин угушкан эле. Ошентип алар кызды сынап анан кетишти, Айдар кайра келмек болду, жумушунда болчу, Гүлсара ыйлактап кирип келди.

- Айланайын, уулум ооруп калды жакшынакай эле болчу, - дегенде Аймира көрүп текшерип:

- Коркпоңуз, бир аз тумоолоптур, - деп Токтоканды карады, - Дары дармек жаз.

- Жарайт, Аймира Токтосуновна, - деп эки көзү баладан өтүп турду.

- Кудай жалгасын, коркунуч жокпу деги? - Гүлсара жалдырай экөөнө кайрылды.

- Эч кандай коркунуч жок, уколду сөзсүз алгыла.

- Макул, өзүм сайып турам.

- Сиз…

- Ооба, окуумду бүтөөр жылы турмушка чыгып ошол бойдон калып калгам.

- Анда билесиз да, үч маал бериңиз, дарыны дагы.

- Рахмат, - деп Гүлсара рахматын айтып жөнөп кетти, Токтокан кыжаалат болуп отуруп калды: "Үч-төрт күн мурун эле жакшынакай эмес беле, эмнеге ооруп калды, жакшы болуп кетсе экен", - деп ойлонуп андан кийинки оорулууларды кабыл алып алаксып кетти. Эртеси өзүнө караштуу көчөлөрдү кыдырмак болуп чыгып адегенде эле Кубаттын үйүнө келди.

- Кел-кел, - деп Гүлсара көрүп эле ичкери киргизди.

- Балаңыз кандай, түндө тынч жаттыбы? - Токтокан кыжаалат кылган суроосун бере үйгө кирди, колдорун тарбалаңдатып жаткан наристенин жанына отуруп колуна алып Гүлсарадан тартынып өбө албай, - Ой жакшы бала экен да, - деди күлүмсүрөй, - Ысытмасы жок экен.

- Ооба, азыр ойноп калды, - деп Гүлсара сырткы бөлмөгө чыгып кеткенде Токтокан наристени жыттап-жыттап, бооруна кысып: "Аргам жогунан ушуга бардым, аман бол, оорубай жүрө гөр каралдым, өлгөнүмчө арманым да, азабым да сенсиң, кечир мени уулум, бул өмүрдө уулум деп айтууга укугум жок, тиги дүйнөлүк уулумсуң", - деп шыбырап көз жашын араң жутуп баланы жаткырып ордунан туруп жөнөмөк болгондо Гүлсара кирди.

- Отурсаң боло, чай-пай ичсең.

- Жок-жок, дагы кыдырышым керек.

- Нан ооз тий анда, - деди Гүлсара, Токтокан шашыла нан ооз тийип чыкканча шашты. Дарбазадан чыгып эле туруп калды: "Оо кудайым, мен жинди болуп кетпегендей элем, бул баланы таштаган бойдон көрбөсөм болот эле, көргөн сайын көргүм келип жаным жай албай кыйналам го?", - деп ойлонуп кийинки үйгө кирди. Дал ошол күнү Айдар эки агасы менен жеңеси, эжеси болуп күтүп жатышкан экен. Ич арадан туугандарын чакырышып, союш союп, кызын эки күндөн кийин узатты. Алар дагы куру келген эмес, эки миң сом, бир жылкы, бир уй, он кой алып келишкен экен. Ала качты кылып алып кетишти. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып Токтокандын турмушка чыкканын гана билишти. Айсалкын ичинен сызганы менен кызынын өз каалаган адамына чыкканына ичинен ыраазы, көңүлү ток болуп күйөөсүнө сыр бербеди. Үйүнө келгенден кийин Айдар дагы сурады, эл тарап өздөрүнчө калган.

- Тоня, айтчы бай болгур, баланы эмне кылдың?

- Айдар, сен менин жарамды козгобо.

- Неге, төрөгөнүңдү билем, уул экен деп Салима айткан, эгерде бир жерге таштасаң алып алалы.

- Мен баланы таштамак эмесмин, өзү начар болду, чарчап калды.

- Ишенбейм, ден-соолугу таза, төрт кило төрөлгөн бала кантип?

- Айдар, сен мени суракка алып соттогону алып келдиңби? - Токтокан ызалуу көздөрүнө жаш толо карады Айдарды.

- Кечир, кечир алтыным, мени түйшөлдүргөн дал ошол бала болуп жатпайбы.

- Менин ошол кездеги абалымды кандай ойлобойсуң, бир түнөп алып качып кеткениңде менин эмне болгонумду билесиңби?

- Кечир, ойлонуп эле жаттым, сени таппай калдым.

- Калп, издегениң жалган!

- Чын айтам, сени сурап барсам кетип калыпсың.

- Менден экинчи балам жөнүндө сураба, мен аны көмүп салгам!

- Болуптур, буйрук эмес экен, - деп Токтоканды кучагына алды, бир кезде Токтоканды жөн гана алдап кетем деген оюнан кайтып, өзү аны сүйөөрүн сезип ансыз жашай албасын билгенде гана алардын тагдыры бириккенин ал моюнуна алып мамыры-жумуру болуп жашап калды. Көп өтпөй ооруканага кирип иштеп калды. Суранчы менен Батма келинин жактырып алкап турушат. Колунда калаар уул-келини болгондуктан өз оюна койгон. Токтокан тың келин болду, кайната-кайненесинин кирин жууп тазалап, үйүнө чаң жугузбайт. Кийинки жылы эле уул төрөп алды, көөдөнүндөгү түтөгөн арманы бир аз басаңдап кичинекей наристесине экөө тең үйрүлүп турушат, атын ойлонуп туруп Калманбет деп Токтокан айта салды эле Айдар каршы болгон жок. Ошентип Алманбет менен Калманбет эки жакта чоңоюп жатты, Кубат менен Гүлсара өтө эрке кылып чоңойтуп жатышты, сегизге чыгып мектепке барганда Алманбет бир бала менен уруша кетип аны бир чапты.

- Эн-неңди, сен таштандысың, сени алардын үйүнө таштап кеткен, - деди ал мурдун шыр эттире тартып.

- Калп энеңди, сен өзүң таштандысың! - деп Алманбет аны түртүп ийди.

- Ишенбесең баарынан сура, сен таштандысың, сени багып алышкан.

- Калп! - деди да Алманбет үйүнө жүгүрүп жөнөдү, күйүгө чуркап кирип эле, - Мени таштап кетти беле, мен таштандымынбы? - деди ыйлап туруп.

- Уулум, аны сага ким айтты садага? - деп Гүлсара күйпөлөктөп ийди.

- Садыктын баласы айтты, мени таштап кетти беле?

- Калп айтат уулум, сен өзүбүздүн эле балабызсың, - деди Кубат жанына келип, - Сени тамашалап койгон тура.

- Уруша кеткенбиз, силер калп айтасыңар, мени таштаган аялды көрсөм өлтүрөм, калп айтса Канжарды өлтүрөм! - деп Алманбет сумкасын таштап сыртка жүгүрдү.

- Алман, Алман уулум! - Гүлсара артынан жүгүрдү, Кубат дагы чыкты. Кубат ойлуу эшигинин алдында ойлуу: "Демек ачыгын айтыш керекпи, баарын түшүнөт туура, ала кушту атынан айт деген ушул экен да, өзүңдүкү болбосо ушул тура арман", - деп оор күрсүнүп жолго чыкты. Гүлсара Алманбеттин артынан кетип баратат, туура эле Садыктын үйүнө жетип короосуна кирип кеткенде күйүгө жетти.

- Канжар, чык бери! - деп торсойгон жаш баланын жүзүндөгү балапан түгү чыга кыйкырганда Гүлсара кучактай калды.

- Уулум, сенин минткениң болбойт, жүрү үйгө, мен сага өзүм түшүндүрүп берем, - деп көз жашы төгүлө өпкүлөп жатканда Садык аялы экөө чыга калды, алардын артынан Канжар чыгып делдээ туруп калды.

- Эмне болду? - деди Садык.

- Мени таштанды деди Канжар, мен аны өлтүрөм!

- Уулум, антип айтпа, кой жүрү кетели, - деп Гүлсара аны колтугунан алып жетелеп жөнөгөндө:

- Канжар! - деди Садык, ал Гүлсарага боору ооруп кетти, - Сен эмнеге антип айтасың, тур кечирим сура, азыр экөөнөн тең кечирим сурабасаң үйдөн чыгарып салам, - деди ачуулуу.

- Кел, келип кечирим сура, - деди аялы дагы, - Кайдагыны сүйлөп жүрөсүң ыя, алардын өзүнүн эле баласы, - дегенде Гүлсаранын жүрөгү тилинип, тилинип кеткендей зырп-зырп этип алды.

- Силерге рахмат, бала сүйлөп койгондур.

- Кечирип коюңуздар, - деп Алманбет аларга кайрылды, - Мени багып алса дагы мага ошентип айтканы жакпайт! - деди дагы Гүлсарага карады, - Кеттик апа, капаланып ыйлабачы, - деп айтканда Гүлсара колунан ала дарбазадан чыгып кетишти, жол бою ыйлап келе берди. Кубат алардын алдынан тосо чыкты:

- Келдиңерби?

- Ооба, келдик атасы.

- Урушпадыңарбы?

- Жо-ок, неге урушмак элек, - Үйгө киришти, бала болсо дагы Алманбет кабагын сала тамактанып сабагын даярдамак болуп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бирок ата-энесинин эмне деп сүйлөшкөнүн укмак болуп кулагын түрүп отурду.

- Кубат, - деди Гүлсара, - Алман түшүнүп эле калыптыр, ачыгын айтсак кандай болот?

- Мен дагы ошондой деп ойлоп калдым.

- Башкадан укканча өзүбүздөн укса жеңил болобу дейм.

- Туура, баары бир угат экен да.

- Алманбет акылдуу бала болот, бизди кыйып кетпейт.

- Кечки тамакка отурганда айталы ээ?

- Ошентели, чөгүп кетпес бекен?

- Чөкпөйт, эркелиги болбосо андай эле жаман болбойт уулум, - деди Кубат, - Кам санаба Гүкү, уулубуз бизди түшүнөт. Буларды уккан Алманбет ойлонуп калды: "Эмнеге мени таштап кетти экен, бага албай калганбы, же мени жаман көргөнүнөн таштап кеткен го", - деп кечке көңүлү чөгүп отурду. Кечинде үчөө отуруп тамактанып жатканда Кубат Алманбетти карап тамагын жасап алды да чындыгын айтып келип Гүлсараны карады:

- Алман, - деди Гүлсара, - Биздин балабыз болгон эмес, ошондуктан сени биз багып алганбыз, мындай болоорун билбедик, сенин жүрөгүңдү ооруткубуз келбейт, сенден башка биздин эч кимибиз жок уулум, - деп ыйлап айтып жатты.

- Апа ыйлабаңыз, мен силерди таштабайм, ким таштаса да мен силердин гана балаңармын, - деди Алманбет чоң кишидей компое, Гүлсара кучактап алып солкулдап ыйлап көптө басылды.

- Менин уулум, акылдуу дедим го апасы, көрдүңбү айтканын, - деп Кубат күлмүңдөй Алманбетти бооруна кысты, - Уулум азамат. Ошол бойдон унчугушпай калышты, балдар андан кийин эчтеке деп айтпай калышкан, бирок чоңойгон сайын Алманбет кара мүртөз болуп баратты, үйгө байырлабай, бейбаш балдарга кошулуп жүрүп он бешке чыкканда бирөөнүн үйүнө ууруга кирип кармалып калды, Кубат менен Гүлсара сотко жүгүрдү, алып калуу үчүн аракет кылды, бирок балдарды уюштурган Алманбет болгондуктан балдардын түрмөсүнө кетти…

Айыл ичинин баары кеп кылып жатышты, Кубат менен Гүлсарага боор ооруганы мындан көп, Гүлсара болсо ыйлап-сыктап жашы жетпегендердин түрмөсүнө каттап жатты, Кубат түнөрүп кайгырып үйүндө, ал жумуш кыскарып заман өзгөрүлгөндөн бери үйдө болуп калган. Коңшусу Саадат менен Жамал жолдо сүйлөшүп турушту.

- Байкуштарга кыйын болду, баккан баласы ойдогудай болбой, - деди Жамал таңдайын такылдата, - Эркек анча билбейт, Гүлсарага кыйын болду.

- Ооба десең, кичинекейинде эле кара мүртөз болчу.

- Ооба, мен дагы байкагам, өздөрү дагы оюна коюп койбодубу.

- Ырас эле, такыр карашкан жок, колуна акчаны берип, каалаганын жасап турушса ал көппөгөндө ким көбөт, жетишпегендиктен ошентсе бир жөн, кайда барар коерун сурап коюшпады да.

- Өз баласы болсо антпейт беле, бечараларга жаман эле болду.

- Ээк, өзү менен кетсинчи, тууган энеси да жакшы эместир, - деп Жамал колун шилтеди, - Кой ишим калды, Нарынды издеп чыктым эле.

- Мен дагы колум бошобой жатты эле, сени көрүп эле чыктым, - деп экөө эки жакка бөлүндү. Гүлсара аларды көрүп үйүнө кирип кеткен, баласы камалгандан бери үйүнөн чыкпай калган, коңшулары менен курдаштарын көргөндө корунуп өзүнчө чүнчүп да кеткен. Арманын сыртка чыгарбай, күйөөсү менен да сүйлөшкөндөн чочулап турат, ыйлайт - сооронот, акыры эки жыл өткөндө аны чоң түрмөгө которо турган болуп чакырып калды. Алманбет ошол күнү дагы мушташа кетип өзүнөн кичүү бир баланы бычак менен сайып салыптыр, ошентип кайрадан үстүнө кошулуп жети жылга кесилди. Ыйлап сыктаган Гүлсара ооруп калды, ал ушул Алманбетти баккандан бери көңүлү тынып: "Туубасам дагы тутунган балам бар, ушунум аман болсо келин алып небере күтөм, Кубат экөөбүз балдарын багып бакыбат жашап бактылуу карылыкка жетсек, тилегимди бере гөр, жаратканым", - деп кыялданып алчу. Эми ошол кыялдарынын баары шамал учурган камгактай желп этип желге учуп кетти. Төшөк тартып жатып калды, Кубат аны өзү карап жатты, эрбеңдеп эки караан үйдөн кирип-чыкканы болбосо бош тургандай тымтырс. Гүлсара кирип чыккан сайын: "Аттиң, ушул үйдүн эшигинен баланын күлкүсү чыгып бапырап ойнободу, биздин көзүбүз өтсө ким ээлейт, карманган күткөнүбүздү ким тутунат, арман ай пешенеме ушундай болсо аргам канча", - деп жүрөгү зыркырап кирет. Кубат бир күнү сырттан кирип эле:

- Гүкү, мен бир жакшы сөз айтайын, макул болоор белең? - деди кубангандай түрдө.

- Айта бер, андай жакшы сөз болсо.

- Иним Турат шаардан келиптир, алты жашар кызды багып алгыла деп ала келген экен, эмне кылалы?

- Ал кайдагы кыз экен?

- Кайыр сурап жүргөн экен, ата-энем жок десе алып келиптир.

- Алты жаш бекен?

- Ооба, жүрү барып көрүп келели.

- Макул, - деп салмактанып жатканына карабай туруп жөнөдү.

- Жакшынакай кыз экен, кыз бала жакшы эмеспи ээ Гүкү?

- Эч кимиси болбосо го жакшы, - деди Гүлсара көңүлсүз, негедир кубанган жок. Алар ээрчише Тураттыкына келгенде Гүлкан аларды жакшы маанайда тосуп алды:

- Келиңиздер аке.

- Келдик, кандай жакшы жатасыңарбы?

- Шүгүр, - деп Гүлкан чоочун кызды карап койду, чачтары сербейген беш-алты жашар кыз чоочуркабай Тураттын балдары менен ойноп жаткан экен, Гүлсара аны көз токтото карап койду. Турат агасын карап кызга башын ийкеп койду.

- Адинай, сен ата-энелүү болууну каалайсыңбы?

- Ооба, алар мени урбайбы? - деди кыз дароо эле.

- Жок, урбайт кызым, - деди Турат.

- Кел, келе гой Адинай, - Гүлсара аны өзүнө чакырды, - Бизге кыз болосуңбу садага?

- Ооба, силердин балдарыңар барбы?

- Жок, сени кыз кылып алалы ээ?

- Макул, апа дейинби анда?

- Ооба кызым, мени апа, бу кишини ата дей гой, - Адинайды алдына алып отуруп жүзүнөн өөп койду, - Ата-энең эмне болгон кызым?

- Атам жок болчу, апамдын күйөөсү күндө урат, акча таап кел деп базарга алып барат, - деп кыз чындыгын айтты.

- Апаң издеп калды го?

- Апам ооруп жаткан, төшөктөн тура албайт.

- Баары бир сени жоктойт го?

- Атам апаң жакында өлөт, сен мени багасың деп урган, мен качып кеткенмин да.

- Жаман киши го анда?

- Ооба, ал жаман киши, апамды дагы уруп койгон.

- Жаман болуптур, - деп Гүлсара ойлонуп калды, бир аз отурушкандан кийин Адинайды жетелеп алып үйүнө келишти. Тыпылдап сүйлөп, Гүлсара менен кошо идиш аягын кармалашып абдан тың экен. Гүлсара оңуп эле калды, бедиреп көргөн билгенин айтып берет, айрыкча өгөй атасынын кылыгын айтып түгөтө албайт, ата-апа деп бат эле көнүп калды. Коңшулары алардын жамандыгын да, жакшылыгын да көз жаздымдан кетирбей аңдып, кызыгып билгиси келип турат эмеспи. Жамал менен Саадат келиптир, аларды көрүп Гүлсара:

- Келгиле, келгиле кошуналар, - деди күлүп жайнап.

- Келдик, сенин акыбалыңды көрөлүчү деп эле келдик.

- Балаңдын азабынан ооруп да калдың, жаман эле болду.

- Кудайым көрсөтсө көрбөскө аргам барбы?

- Бу сулуу кыз конокпу? - деп сурады Саадат.

- Ооба, Бишкектен келди, эрмек кылайын деп эле…

- Жакшы болуптур, - деп Жамал шыпшынып койду, - Атың ким кызым?

- Адинай?

- Аты жакшы кыз экен да.

- Адинай, чыны алып келчи кызым, - деди Гүлсара.

- Макул апа, - деп Адинай тура жөнөдү, ал чыккандан кийин Гүлсара улутуна кеп баштады.

- Кудайдын буйругу экен, эми караан бутак, эрмек болсун деп Адинайды да багып алдык.

- Жакшы болуптур ай, эми ушундан көрсөңөр экен, уулуңар дагы эсине кирип оңолуп келсе келин алып бапырап каласыңар, - деди Саадат чын пейилден.

- Ооба-ооба, буйруса кызың чыйрак экен.

- Шаарда сиңдим бар эле, ошол кызын берип ийиптир.

- Жакшы болуптур, - дешип көпкө отурушту. Адинай дасторконду жыйып чыныларды алып чыгып жатканда ого бетер суктанышты. Ошентип аларды коңшу-колоңу аңдып эле турушат, Кубат Адинайды абдан жакшы көрөт, айыл өкмөтүнө арыз жазып Адинайга күбөлүк алышты, кийинтип чачын таза жууп өстүрүп жакшы караганга көңүлү көтөрүлүп такылдаган кыз болду, эки жылдан кийин мектепке окутуп койду, Алманбет түрмөдөн ары кайрадан отура берип беш жыл дегенде келди. Кубат менен Гүлсара сүйүнүп сүрдүгүп түлөө өткөрүштү, басса-турса жалынып жалбарганына ал ойлонуп да койбоду. Келгенден эле Адинайдан көзүн албай карай берчү болгон. Адинай алтынчы класста окуп татынакай кыз болуп калган, сабакты жакшы окуйт. Бир күнү сабактан келсе Алманбет аны карап:

- Адинай, ички үйдөн менин курткамды алып чыгып берчи, - деди.

- Азыр аке, - деп эч нерсе оюнда жок эле кирип кеткенде эки жакты карап анын артынан кирмек болуп баратканда Кубат короого кирди, ал артына кайрылып туруп калды, Адинай курткасын берип кайра кирип кетти.

- Бир жакка барасыңбы? - деди Кубат ага.

- Ооба, жумуштарым бар.

- Көп жүрбө, дагы бир балээге кабыласың, эрте кел сүйлөшөбүз.

- Макул, - деп коюп дарбазадан чыгып кетти. Кубат Гүлсара экөө кеңешип Алманбетти үйлөнтүп койсок оңолоор, жашоону түшүнөөр дешкен, бирок ал кечинде дагы келбей калды. Эртеси түштө келген уулуна ачууланган Кубат.

- Кайда жүрөсүң ыя, эми адам болсоң боло, сени биз үйлөнтөлү деп жатабыз, эмне дейсиң? - деди.

- Кимди алам? - Алманбет күлүп койду.

- Биз табабыз.

- Жок-жок ата, өзүм караштырайын.

- Качан, дагы кандай күнгө кабыласың балам, сен үйлөнсөң неберелүү болуп үйүбүз толуп көөнүбүз тынат эле, - деди Гүлсара.

- Шашпагылачы ата, бир эки жылдан кийин деле үйлөнөм да, - Алманбет күлдү, - Андан көрө мага сотка керек акча бергиле алып алайын.

- Соткаң канча турат экен? - Гүлсара сурады.

- Беш миңден жогору.

- Кымбат турат го, элдин баары эле көтөрүп калыптыр.

- Анча-мынча иш бүтүргөнгө жакшы экен да.

- Мейли, эртең алып ал, - деди Кубат.

- Ата, сотка алгандан кийин шаарга барып келишим керек эле.

- Эмнеге барасың?

- Үйлөн деп жатпайсыңарбы?

- Кызың болсо айт, камынып туралы, - деп кубанып кетти.

- Болуптур уулум, - деди Кубат дагы ойлуу карап, - Алып кел, үйлөнгөнүң жакшы, минтип жүрбө, айыл коңшунун көз карашынан апаң экөөбүз чүнчүп да бүттүк, адам болушуң керек, биздин тилегибиз эле сенин адам болуп үй бүлө күтүп жашаганың керек, уктуңбу уулум?

- Уктум ата, мени кечирип койгула, - деп ушул ирээт Алманбет аларды ичтен аяп турду, убада берип эртеси колуна акча алып жолго чыкты. Арадан бир жума өткөндө Алманбет бир кызды ээрчитип келип калды. Тозуп алышып жоолук салып, коңшу-колоңун туугандарын чакырып түлөө кылып, бапырап эле калышты. Гүлсара жетине албай баарын чачып жатты, Сабинадан сурап ата-энесине киши жөнөтөлү деди эле ал эч кимиси жоктугун айтып шаарда эки эжеси бар экенин айтып телефон чалды. Ошентип анын эки эжеси менен бир жигит кубалап келди, Кубаттар аларды сыйлап, кийит кийгизип, он миң сом берип, жеңетайы деп бир кой салып берип жөнөтүштү, Алманбет Сабинанын жанынан чыкпай эле калды. Көп деле өткөн жок, бир күнү:

- Алманбет, менин эжем ооруп жатыптыр, - деди Сабина.

- Эмне болуп?

- Билбейм, ооруканада экен.

- Барып келелиби?

- Атамдар эмне дешет?

- Мен айтам да, - деди энөө Алманбет ага ишенип.

- Сен барбай эле кой, уят да ооруканадан көрүп эле кайтам, төркүлөй элек жатып экөөбүз тең барганыбыз болбойт го?

- Сени жалгыз жибербейм, барсак экөөбүз тең барабыз.

- Макул анда, эртең сен айт, даярданып бүрсүгүнү чыгалы.

- Жарайт жаным, - деп Алманбет аялын өпкүлөп жатты. Эртеси Алманбет Кубатка айтты эле.

- Келгенине он күн боло элек, жакшы болуп кетээр, - деди көңүлсүрөбөй, - Телефондон сүйлөшүп тургула.

- Болбой барам деп жатпайбы.

- Азыр болбойт, уккан эл эмне дейт, жок дегенде бир-эки ай өтсө боло, - Гүлсара дагы каршы болду.

- Ата, айтып көрөйүн, болбосо мен өзүм кошо барам.

- Макул эми, - деп Кубат үйгө кирди, - Балам, телефондон акыбалын билип тургула, алыс жол болсо, суук түшүп калды, кое тургула, - деди Сабинага.

- Барып өз көзүм менен көрүп келишим керек, - деди дулдуйган Сабина.

- Капырай, жазга чейин кое турсаң болот эле го, - деп кейий сүйлөдү Гүлсара. Ары тартышып, бери тартышып жатып акыры мал сатып жөнөтмөк болушту. Эртеси эрте чыга турган күнү акчаны Алманбет алып чөнтөгүнө салып койгон, алар уктап жатканда Сабина түн ортосунда туруп акчаны, кийим-кечесин, өзүнө элдер алып келип салган жоолук менен көйнөктөрдү, Алманбеттин соткасын кошуп алды да чыгып кетти. Көзүн ачкан Алманбет Сабинаны сыртта жүрөт деп кайра уктап калды. Бир кезде Кубат эшикти такылдатып тургузганда дагы эле Сабина жок, кийинип эшикке чыкты.

- Ата, Сабина эшикте жүрөбү? - деди.

- Турду беле?

- Туруп кетиптир.

- Анда жакшы, кардыңарды тойгузуп алып жөнөгүлө, - деп эч нерсе оюнда жок эле өздөрү жаткан бөлмөгө кирди, сыртта Адинай жуунуп жаткан.

- Жеңең кайда жүрөт? - деп сурады Алманбет.

- Билбейм, тура элек го?

- Үйдө жок.

- Көргөн жокмун.

- Кайда кетип калды? - деп ажаткана жактан караса дайыны жок, шашыла кирип кийим-кечесин караса дайыны билинбейт, ошондо гана ичке жүгүрүп кирип, - Сабина кетип калыптыр, - деди үңкүйө.

- Каякка? - Гүлсара чоочуп кетти.

- Билбейм.

- Жаныңда жаткан аялыңдын кеткенин кандай билбейсиң, акча сендеби?

- Чөнтөктө болчу, таппай калдым.

- Арам ой менен жүргөн экен да анда, тоногучтардан болсо керек.

- Мен таксисттер турган жерге барып келейинчи, - деди Алманбет.

- Эмдигиче туруп алмак беле, кетти да.

- Көрүп келейин.

- Телефон чалбайсыңбы?

- Аны дагы алып кетсе керек.

- Ко-окуй кү-үн, ал анда зорго эле жүргөн го, он миң сомду алып кеткени аз келгенсип карасаң өлүгүңдү көрөйүн, - деп Гүлсара безилдеп жатты. Алманбет аялдамага барып келди, үмүтү үзүлүп шылкыя жатып калды, Сабинанын ата-энеси деле бар болчу, бирок өзү менен жүргөн эки келиндин биринин жигити менен чакырып сый көрсөтүп аларга берген он миңди дагы өзү алып калып, койду тим койгон болчу. Ата-энесине билгизбей тоноочулук кылчу. Билинип калуудан коркуп эптеп качууну ойлонгон эле, Гүлсара чемоданындагы болгон жаңы буюмдарын таппай алаканын шак коюп каргап-шилеп жатты. Алманбет не кылаарын билбей эки-үч күн дендароо болуп жүрдү, анан Сабина менен таанышканын эстеди. Түрмөдөн чыгып шаарга келип айылга кетмек болуп турганда ал жанына келип: "Соткаңыз болсо чалып алайын, берип турасызбы?", - деп калды: "Менде телефон жок", - деди Алманбет: "Неге телефонуңуз жок", "Кедеймин", "Коюңузчу", "Чын айтам", - деп күлүп койду: "Атыңыз ким?", "Алманбет", "Баатырсызбы?", "Жок коркокмун", "Чынбы?", "Ооба", "Атың ким чоң кыз?", "Сабина", "Мага тиесиңби?", "Макул", - деп күлүп койду. Ошондо телефон номерин алып алган эле, Сабина он жетиде эле. Уурулук менен тоноочулукка көнгөн, шериктери бар. Кубат ойлонуп туугандарынан кеңеш сурап күйөөдөн чыккан келин болсо дагы кайра эле үйлөнтүп коймок болду. Сураштырып жатып бир келинди таап алып берип койду. Алманбет эч кимге ишенбей калды, Зина ага жакпады, байкабай сүйлөгөнү, чала иш жасаганы анын жинин келтирип жолобойт.

- Алман, Зинага жардам берип койчу балам, - деди Гүлсара бир күнү.

- Өзү жасай албайт бекен?

- Кармашып кой эми, жалгыз көтөрө албай жатат.

- Азыр, - деп кыңырыла барып кроватты жылдырышып ары басты.

- Алманбет, сен эмнеге менден качасың? - Зина ал кетип жатканда ага кайрылды, - Биз жашай алабызбы?

- Жашап жатпайбызбы, дагы эмне керек?

- Сенин мага көңүлүң жок Алманбет.

- Андай эмес, мен сени жактырбасам неге алат элем?

- Ата-энеңдин көңүлү деп алгансың го?

- Койчу энең, жөн эле шылтоо кыла бербей, жактырбаган киши албайт дагы, жашабайт дагы, ишиңди кыл! - деп ары кетти. Кирип-чыгып жумушун жасап жүрө берет, бир күнү Алманбет аялы менен уруша кетти.

- Эне-атамдын алдына да бара элексиңер, анан мени сөгөсүң, - деп Зина балбалактап кирди, Кубат менен Гүлсара жок болчу, Адинай сабакта эле жини келген Алманбет:

- Сөксөм аялымсың, эмне болот эле? - деди.

- Аялдай көрүп жатасыңбы, күңүңөрдөй болуп керээли кечке жаным тынайт.

- Колуңдан чыккан иштин баары чала, аялдай сапатың жок, койчу сүйлөбө!

- Сүйлөбөсө билгениңди кыл, үйүмө кетем, катының ошон үчүн качып кеткен тура, - деп бежиреп ийди Зина.

- Эй энеңди, сенин тилиң узун экен, бас жаагыңды!

- Баспасам эмне кыласың?

- Мына сага! - деп жаакка чаап жиберди, Зина өңгүрөп кое берди.

- Ушул жерге турбай калайын, сен каадаланбасаң көп эле, катынсыз өтөсүң бул түрүң менен, - деп сүйлөнүп кийимдерин салыштырып жатканда Адинай кирди.

- Жеңе эмне болду?

- Эчтеке, ушуга ким чыдайт?

- Койчу жеңе, апамдар келе жатат, кетем дебеңизчи.

- Келсе келе берсин, кетем эле.

- Зина, эмне болду балам? - деп Гүлсара кирип келди.

- Эчтеке, балаңыздан сураңыз, - Бурк эте отура калды.

- Ботом, ээ Алман, кел бери!

- Апа, эмнеге чакырдың?

- Зина менен эмнеге уруштуң?

- Өзү эле, мен эчтеке деген жокмун.

- Ооба сага, бир чаптың го?

- Өзүң сүйлөп жатсаң чабат да, - деп Алманбет кайра чыгып кетти.

- Кой балам, урушпагыла эмитен, багылбай жаткан балаңар жок, бүтпөй жаткан ишиңер жок, талашыңар эмне деги, жакында эле үйлөндүңөр го? - деп Гүлсара келинин сооротуп кийимдерин ордуна койду. Зина унчукпай отуруп калды. Кубат кирип-чыгып малын карайт, Алманбет болсо короо-сарайларын кышкыга даярдап жүрөт. Билинбей убакыт өтүп кийинки жылы Зинаны төркүлөтмөк болуп жатканда ал дагы кетип калды. Анын эмнеге кеткенин түшүнбөй дагы калышты, Алманбетти артынан бар десе болбой койду, ошентип эки аял алып экөөнүн биринен жок үйүндө жүргөн, Адинай сегизге окуп калган, бир күнү Кубаттар тойго кеткен, сабактан келип чечинип жаткан Адинайдын үстүнө Алманбет кирип барды.

- Аке! - деп кыз үстүнө кийимин жаба койду, Алманбеттин колунда бычак бар эле.

- Үнүңдү бас, кыңк этсең өлтүрүп коем!

- Аке, айланайын аке, мага тийбеңизчи, акебай тийбеңизчи! - деп кыз көз жашын көлдөтө жалынып-жалбарып жатканына карабай бир колу менен ычкырына жармашып, бир колуна бычакты жалаңдатып өзүнүн көптөн берки максатына жетти, - Оозуңдан чыкса өлөсүң, биз бир тууган эмеспиз уктуңбу? - деди да чыгып кетти. Кеч келген Гүлсара Адинайдын оорудум деп жатып алганын көрүп:

- Ысык чай ичсең боло, суукка урунуп калдың окшойт, - деп өзү чай алып келип берди, - Ич, ысыгында ичип ал.

- Азыр ичем апа.

- Дары берейинби? - деп чыйпылыктап жан-алы калбай жатты.

- Жок апа, башым эле ооруп жатат, - Төшөктү чүмкөнүп алып жүзүн көрсөтпөдү. Алманбет ал күнү келбеди. Түнү бою сыздап ыйлап чыккан Адинай сабагына барбай калды, Гүлсара ага үйрүлүп ысык чай, тамак дары-дармек берип жанында, үчүнчү күнү гана өз тагдырына таарынган кыз: "Бир тууган эмеспиз, билгизбей эле коеюн, экөөбүз тең бакма экенбиз убалым жетсин", - деп өзүн алаксытып сабагына бара баштады. Алманбет эки-үч күн жоголуп кайра келди да күндө түнкүсүн бычак менен коркутуп аялындай пайдалана баштады. Адинай чүнчүп ой басып баратты, Гүлсара анын оорусунун себебин билбей бушайман, же оозунан сөз чыкпайт. Дагы бир күнү түн ортосунда анын бөлмөсүнө кирип баратканын көрүп калган Кубат аңдып калды, бирок ага жаман ой кирбеди, арадан дагы бир ай өткөндө акмалап жүрүп акыры анын үстүнөн чыкты, кирип барганда жылаңачтанып, колундагы бычакты Адинайга такап:

- Үнүңдү чыгарып, бирөөгө билгизсең өлтүрөм! - деп кыздын көйнөгүн тытып-тытып ыргытты да, - Үнүңдү бас, менин жинимди келтирбе! - деди.

- Аке, ушундан көрө өлтүрсөңүз өлтүрүп коюңузчу, ансыз дагы тирүү өлүккө айландым, - деген кыз калтырап титирей ыйлап жатканда Кубаттын башына таш тийгендей эле болду: "Акмак болгон го, муну өлтүрүп таштайын", - деген ойдо кайра ашкана тамына кирди да үбөлүктү алып эшикти ачып кызынан тартына далдоого туруп:

- Алманбет, жүзү кара чык! - деди үнүн аста чыгарып, ал Гүлсараны ойгонуп калбасын деген ойдо болду.

- Ата, бычагы бар, өлтүрүп коет! - деген Адинайдын үнү угулду.

- Өлтүрбөйт кызым, киймиңди кий! - деп босогого туруп үбөлүктү оңтойлоп кармап турганда бычакты шилтегенге ыңгайлантып чыгып келе жаткан Алманбетти бычак кармаган колго уруп калды.

- Аа-ай! - деп кулап түштү, бычак ыргып кетти.

- Акмак, эмгегим урсун! - деп Кубат тээп-тээп жиберди.

- Эмне болду кокуй? - деп Гүлсара чырылдап Алманбетти тосо калды, - Эмне болуп кетти атасы?

- Дөпөрөс уулуңдан сура, бул дүйнөгө жашатып, өмүрүн калкалап калганмын, эми өз колум менен өлтүрөм, - деп үбөлүк менен чапмак болгондо Гүлсара үстүнө жата калды:

- Муну өлтүргөнчө мени өлтүр Кубат!

- Тур Гүкү, тур биякка! - деп аны колунан тартып жатканда Алманбет тура калып качмак болду. Кубат аны качырбай кармап калды, Гүлсара аны урдурбай чырылдай бергенинен улам колун бекем кайрып артына байлап бутун таңып туруп верандасына жаткырып коюп Кубат Адинайдын бөлмөсүнө кирсе ал чүмкөнүп жатып алып боздоп жаткан экен. Гүлсара эчтекеге түшүнбөй эле Алманбетке күйпөлөктөп жатты:

- Балам ай, атаңдын ачуусун келтиргендей эмне кылдың эле кокуй, өлтүрүп кое жаздады го?

- Эчтеке, - деп Алманбет терс бурулуп кетти.

- Анан эмнеге жети түндө урушуп жүрөт?

- Билбейм, - деди дагы күңк эте.

- Кагылайын ай, - деп байлоосун чечкени жатканда Кубат чыгып:

- Гүкү, Адинай менен сүйлөшчү, - деди.

- Эмне болду ага? - деп түшүнбөй экөөнү алмак-салмак карап анан Адинайдын бөлмөсүнө баш бакты. Адинай дагы эле ыйлап жаткан, - Кызым, эмнеге ыйлап жатасың, - деги эмне болуп жатат бул үйдө, түшүнбөй калдым, кагылайын ыйлабачы, - деп төшөктү ачып кыздын көздөрү шишип кеткенин көрүп чоочуп кетти, - Мынча эмнеге ыйладың кызым?

- Апа-аа! - деп Адинай тура калып кучактап буркурап ийди.

- Каралдым, ыйлабай айтчы, деги эмне болду?

- Апа, апа акем мени…

- Эмне деди, Алман сени уруштубу?

- Ал мени, - Өпкө-өпкөсүнө батпай өпкөлөп ыйлай берди.

- Ачык айтчы кызым, ал сага эмне, - деди Гүлсара эч нерсеге түшүнбөй саксайып кеткен чачтарынан сылай, маңдайынан өөп көзүнөн көзүн албай тиктеди.

- Апа, акем мени зордуктап салды!

- Ыя?! - Гүлсара кызды ары түртө салды, - Эмне дедиң, Алманым сени… Алманым сениби? - Теңселе көз жашын чубурта нез болуп отуруп калды.

- Бычактап өлтүрөм деп… - Адинай мукактана баарын айтып бергенде Гүлсара Адинайды кучактап алып экөө тең буркурап ыйлап жатышты. Аларды көпкө тиктеп заманасы куурулуп турган Кубат акырын алардын жанына келди.

- Болду ыйлабагыла, баары өттү, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, ал акмакты бул үйгө келгис кылып жок кылам, жүргүлө тигил үйгө барып кеңешели, - деди.

- Бул эмне деген шумдук кудайым, кудайга эмне жазыгым бар эле менин, түн уйкумдан кетип, бүт мээримимди төгүп, өзүм туубасам да туугандай көрүп бактым эле го?! - деп буркураган Гүлсара бир түндө чачы куудай агарып кеткендей болду, Кубат аны колтуктап тургузуп:

- Кызым, капаланбай апаңды жөлө, - деди Кубат.

- Курган жаным ай, - деп барып Гүлсара эсин жоготуп койгондо Кубат чоочуп кетти.

- Гүкү, эсиңди жыйчы, өзүңө келчи Гүкү!

- Апа, көзүңдү ашчы, - деп Адинай ого бетер шолоктоп жатты. Гүлсара боппоз болуп жатып калганда бетине муздак суу чачып Кубат менен Адинай экөө эки жагында карап отурушту. Көптө барып эсин жыйган Гүлсара:

- Кубат, мага эмне болду? - деди көзүн ачып экөөнү тиктей.

- Эчтеке болгон жок Гүкү, эс алчы, - Кубат анын колун кармалап башын жерге салып ойлуу отура берди.

- Апа, көп ойлонбоңузчу, - Адинай аны бетинен өөп башына башын тийгизди, - Алтыным апкем, силерсиз менин күнүм жок апке.

- Кагылайын секелегим десе, сенин жүрөгүңдүн ооруганын сезбеген мен айбан, кантейин садагам, мындайды түк күтпөптүрмүн го чиркин, адам оюна келбес иш болгонун кара…

- Кейибе Гүкү, Адинайды дагы капаланта бербе, бул жерден керек болсо көчүп кетебиз, кызыбыздын атына жаман сөз илээштирбей эч жанга билгизбейбиз, макулбу Гүкү?

- Тиги макулукту көзүмө көрсөтпөй жогот, өз жолу менен жоголсун!

- Аны өзүм келгис кылам, кабатыр боло бербе, өзүңдү жакшылап кара, ооруп каласың, - деди да сыртка чыкты, - Ушундан баштап бул үйгө сен кайрылып келчү болбо, бала болуп баккан эмгегибизди актабадың, мындай ишке барса өз каным болсо дагы кечирмек эмесмин, - деп колу бутун чечти да үбөлүк менен жонго бир урду, - Өз колум менен өлтүрүп койсом болмок, бирок сендей акмакка колумду булгагандан көрө жерди муштаганым жакшы, сен менин өз балам эместигиңди далилдедиң!

- Ата, мени угуңузчу.

- Ата дегенге акың жок, чыгып кет үйдөн, өз баламдай көрдүм эле.

- Эмне экен, Адинай экөөбүз өз балаңар болбогондон кийин үйлөнтүп койсоңор болбойбу? - деп Алманбет уялып койбой айтканда Кубаттын ачуусу келип кетти:

- Жогол деп жатам акмак, сыйды билбеген акмак экинчи бул үйдүн тегерегинен көрбөйүн! - деп үбөлүк менен дагы чапканда үйдөн чыга жөнөдү, Кубат аны дарбазадан чыгарып бекитти да оор күрсүнүп алды: "Акмак, бала деп эркелетип өстүрдүм ээ, өз боорумда акылсыз адамды чоңойтуп жатканымды кайдан билдим, бул тынч койбойт, Адинайды сак бол дешибиз керек", - деп ойлонуп калды.

Көпкө сыртта ойлуу басып жүрдү, таң агарып, жандуунун баары тиричилигине киришип, уйлар мөөрөп, короз кыйкырып, иттер үрүп жашоонун дагы бир күнү башталды: "Таң да атты, жанымды үрөп ушуну томсоруп калбасын деп, көңүлүнө карап, көкүлүнөн сылап, ымыркайынан аталык мээримиди төгүп, башка экенин билгизбей бактым эле, өз убалы өзүнө, чырактай кыздын тагдырын талкалады, эми кандай болоор экен, же кайра кармап келип каматып ийсемби, кызым эл арасында басалбай калат го, өзүнө-өзү кастык кылбас бекен", - деп ойлуу ичке кирди.

- Таң атты, чай ичелиби? - деп жылмайган болду.

- Азыр, мен чай коеюн ата, - Адинай туруп ашкана бөлмөгө кирди.

- Гүкү, көп ойлоно бербе, элге шардана кылып абийирибиз төгүлбөсүн, кайда барса айда барсын, өз убалы өзүнө, сен экөөбүздүн өх балабыз болгондо дагы ушундай кылмакмын, Адинай басып жүрө албай калат, - деди Гүлсара.

- Ооба, кызыма жаман болду го, жүрөгү жараланып калды Кубат.

- Айла канча?

- Сен кантип билип калдың?

- Эки-үч күн мурун Адинайдын бөлмөсүнөн чыкканын байкап калдым, бирок жаман ой келбеди башыма, кантип жаман ой келсин...

- Шүмшүк ай! - деп алды Гүлсара, - Боор этим менен тең болуп калды эле го, өзүм төрөгөндөй жакшы көрчү эмес белем, үмүтүбүздү актамак тургай талкалап кетти го?! - деп көзүн жумуп алды, - Кантип кечем Кубат, кантип унутам Алманымды, кичинекей Алманымды кечип кантип жашайм!

- Кайгыра бербе дедим го, өз убалы өзүндө, ушуну Саадаттардан бекер алган экенбиз Гүкү, - деп Кубат күңкүлдөй сүйлөдү, - Өкүнүп турам.

- Кубат, алгандагы кезди ойлочу, бизге ата-энелик бакытты тартуулады, наристебиз менен экөөбүз кандай ырыстуу күндөрдү өткөрдүк, мен ошондо өзүмдү эне катары сезгемин, - Гүлсара улутунуп алды, - Көрсө ошол күндөрдө гана бактылуу болгон экенмин да-а...

- Апа, чай ичкиле, - Адинай дасторкон алып келип, чай куюп сунду, - Азыр тамакты да алып келем.

- Отура гой кызым, өзүң дагы чай ичип ал, мектепке барасың.

- Апа, - Адинай жер карады, - Мектепке бүгүн барбайм, - дегенде Кубат Гүлсараны нукуп башын ийкеп койду.

- Мейли кызым, бүгүн барбасаң барбай эле кой, - деди Кубат.

- Өзүң бил садага, - Гүлсара унчукпай калды. Ошентип Адинайлын жүрөгү жараланып өзүн жаман сезип жүрдү, ал тагдырына кейип: "Акмакка убалым жетсин, үйлөнүп алабыз дегенин кантесиң, мен ошого тиймек белем", - деп сабакка барганда дагы баары аны кеп кылып жаткандай сезилип чүнчүп баратты. Гүлсара ичинен: "Боюна болуп калса эмне болот, анда канттим, эл эмне дейт", - деп ойлонуп жүрдү. Алманбет чыгарып койгондон кийин тентиреп тааныш досторуна жолугуп ичип алып жүрө берди, аны көргөндөр кеп кылып жатышты.

- Кубат баласын карабай койгон го ыя?

- Ошону айтсаң, бечара жаман болуп калыптыр, үйүнөн чыгып кетсе керек.

- Ошондой го, көрүнгөн жерде жатып калат экен.

- Тоңуп өлөт го, суук түшүп калды, - деп сүйлөшүп жатса алардын жанына Айсалкын келип калды.

- Кимдин шорун кайнатып жамандап жатасыңар? - деди күлүп.

- Чындыкты айтып турабыз, жамандап эмне кылалы.

- Ата-энеси да тажагандыр, бармактайында түрмөгө түштү, Кубат менен Гүлсара деле жакшы немелер, аларды дагы кыйнап ийди го?

- Бакканына жараша дурус чыкпай бейбурт болуп калганын айт, - дешип сүйлөшүп жатышканда Алыбектин үйүнүн тушуна машина токтоп калды, аны көрүп Айсалкын шашып жөнөдү. Айдар менен Токтокан келген эле, эки уул, бир кызы бар, Калманбети он тогузда, Нурманбети он алтыда, кызы он төрт жашта. Машинадан түшүп Айсалкын менен учурашып турган, ошол кезде Алманбет кызуу абалда алардын жанынан өтүп баратып артын карап туруп калды, анткени анын арак досу Жаныбек келе жаткан эле. Алманбетти көргөн Токтокан нес болуп туруп калды, Айдар эки баласы менен алып келгендерин көтөрүп короого кирип кетишкен.

- Токон, эмнени карап калдың? - деди кызына Айсалкын.

- Апа, мына бул кимдин баласы? - деди Алманбетти карай.

- Ой кокуй, ал Кубаттын багып алган баласы, аны эмне кыласың, жүрү үйгө кир, - деди ал.

- Ии-ий, - деди да көзүн араң тартып алып үйдү көздөй басты, - Апа.

- Ийи.

- Кубат акелер баласын карабай койгонбу?

- Ээ кокуй, түрмөгө дагы түштү, эки жолу үйлөнттү, өзү начар чыгып калды, аларда не күнөө кызым?

- Түрмөгө дейсизби?

- Ооба, уурулук кылыптыр.

- Неге? - деп дагы эле чөнтөгүнө колун салып турган Алманбетти жалт карап алды.

- Ким билсин?

- Ошондой, ичип алган го? - деп дал Калманбеттин өзүнө окшошуп бою узун, арыкчырай келген ак куба жигитти карап кылчак карап кирип кетти: "Неге ууру кылды экен, түрмөгө дагы түшсө, жаман болуп калган го, же тарбиясы келишпегенби, ай кудай ай, кантип унута алам муну, кантип чыдайм булл кордукка, жыйырма бирге толду, ачык айтып өзүм алып кетсемби", - деп ойлонуп үйгө кирди.

- Көпкө туруп кетесиңерби? - деди Алыбек кыз-күйөөсүнө.

- Бир жумадай турабыз, Калманбетти Россияга жөнөтөбз, ошого учурашып кетели деп келдик.

- Аа-а жакшы, иштеп келем дейби?

- Ооба, иштеп келет.

- Мейли, кайда болсо да аман жүрсүн.

- Айланайындар, катар-катар өсүп келе жаткан экен, аман болушсун.

- Эмки жылы Калманбетти үйлөнтөбүз ата.

- Ошенткиле балдарым, кудай тилегиңерди берсин.

- Кубат акелер баласын анча карабаса керек апа, - деди Токтокан ойлуу, - Анын эмнесин кеп кыласың, бала болсо да кайрымдуу болсун, баккан эмгегин актаган жок, кандай гана кылып бакпады эле, - деп Айсалкын шыпшына карады. Гүлбарчын сыртта жүргөн, бир кезде үйгө шашып кирди.

- Апа, мен абама оп-окшош бирөөнү көрдүм! - Энтигип туруп калды, - Ким экенин билбейм, жолдо мас болуп турат, абамдан бир-эки жаш эле улуу болсо керек.

- Жөнчү балам, адамга-адам окшошо берет.

- Укмуш окшош экен, адегенде күзгүдөн абамды көргөндөй эле болдум, - деп кайра чыгып кетти. Айдар Токтоканды бир карап алып:

- Мен дагы көрөйүнчү окшоштугун, - деп ордунан турду.

- Аны эмне кыласың, бала болуп кетесиң да.

- Гүлбарчын калп айтчу эмес эле.

- Койчу Айдар, адамга окшоштор көп эле кездешет го? - Токтокан анын чыгып Алманбетти көрүшүн каалабады, бирок Айдар чыкканда Алманбет кетип калган болчу, Гүлбарчындан күлүп сурады Айдар, ал Калманбетти карады:

- Кана абаңа окшош адам? - деди жылмая.

- Тээтигил жакта кетип жатат, чындап эле окшош экен ата, эгерде тааныбаган бирөө болсо эгиз дей турган, - Калманбет жооп берди.

- Боло берет балам, - деп койду Айдар, өзүнүн оюнда: "Демек менин балам ушул айылда болсо керек, аныктап сураштырып көрсөм бекен, алар өз баласындай кастарлап баккан болсо жакындата койбос, кантип билсем болоор экен", - деп ойлуу үйгө карай басты.

- Токон, мен дагы бирдемени байкап жүрөм, Калманбетке Алманбет куюп койгондой окшош, мен Айдардын сөзүн укканмын, жашырып жапсаң да бир күнү билинет, бирок ал баланы унутканың дурус, - деди Айсалкын эч ким жокто акырын сүйлөп, - Балдарың турат го кызым.

- Эмнеге? - Токтокан апасын алая карады.

- Ал бала силерди уятка калтырат, жакында үйүнөн биротоло кууп чыгып коюптур деп уктум.

- Эмнеге кууйт?

- Ээн баш болсо түрмөдөн келген соң да тынч жүрбөйт, эки жолу үйлөнтсө да адамдай жашай албады, тажаганда чыгарбаска аргасы калбагандыр да.

- Апа, эгерде өз канынан жаралган бала болсо андай кылмак эмес да туурабы? - Токтокандын көздөрү жашка толо түштү.

- Жаман болсо өз баладан да кечип ийет адам, ушул жарык жашоодо татыктуу жашоону билбей өткөнчө өлүп калган жакшы кызым.

- Кантип өз баладан кечет апа? - деп шыбырай жер караганда көз жашы этегине мөлт этип тамып кетти, - Өз балаңдан кечүү атанын колунан келсе да эненин колунан келбесе керек?

- Кой кызым ыйлаба, эми аны унут, тагдыры ошондой болсо көнөт да, - деп Айсалкын кызынын көз жашын көрүп заманасы куурула, жүрөгү сыздап сыртка чыгып баратканда Айдар кирди.

- Балдар эшикте жүрөбү? - деди Токтокан.

- Ооба, тагалары менен таанышып, сүйлөшүп жатат.

- Мейли, коноктоп келгенден кийин ойноп алышсын, Сапар менен көчөгө кетип калбасын анан.

- Барса барып келет да чоңоюп калышпадыбы.

- Ошентсе дагы чоочун жерде…

- Токон, бул сен туулуп өскөн жер го? - Айдар күлө карады.

- Анткени менен балдардын эли-жери башка эмеспи?

- Алтыным а-ай, жөн эле кабатырлана бересиңби, балдар бойго жетти, өздөрүн алып жүрүүнү билет акыл-эси бар, - деди Айдар тынчтандыра, - Эми алар өз алдынча жүрүүгө көнгөнү жакшы.

- Ошондой болсо да чоочулай берем, бөлөк балдар дароо эле билинип калат го, тийишип жүрүшпөсүн. Алыбектин эң кичүү келини дасторкон жайып чай-тамагын алып келип бапырап тамактанып жатышты. Жылына бир келип кетишет, жашоолору абдан жакшы, Токтокан ушунча жылдан бери Алманбетти көргөн эмес. Бүгүн анын жүдөө түрүн көрүп жүрөгү ооруп турду: "Мен ошондо бекер жаңылган экенмин, Айдар мага акыры келсе өз колубузда чоңоет эле го, анда балким башкача болот беле" - деп ойлонуп мелтиреп отура берди.

- Ишиңер болуп жатабы балам? - деди Алыбек Айдарды карай.

- Болуп жатат ата, баары жакшы.

- Ошондой эле болсун, биз болсо карып-арыдык, сексен-сексен беш жаш оңой эмес экен, быйыл атаңдын кубаты жок, кирип чыкканы эле, - деди Айсалкын, - Жанагы телефонуңарды биз билбейбиз, тиги балдар болбосо силер менен сүйлөшө ала турган эмеспиз.

- Акемдер келип жатабы апа?

- Алар деле ишинен чыга албайт, бир жылда бир келип жатып жатпай шашышат, аман болсоңор эле болду, балдарды караан кылып берип койгонуна шүгүр, келиним дагы жакшы, кудайга шүгүр кызым.

- Оорубай эле жүрсөңөр болду, ден-соолук берсин.

- Эми силердин эле алдыңарга кетсек экен, мындан аркы жаштын эмне кызыгы бар кызым, күндүн чыгып кайра батканын карап керээлден кечке отуруп чарчайбыз, жаш кезде жаныбыз тынбай силерди багабыз деп эмгек кылдык эле, ушунусуна шүгүр, өз-өз ордуңарды таптыңар, жаз-күз колуңардан келгенин артынып-үртүнүп келип акыбалыбызды билип турасыңар, мындан өткөн бакыт барбы бизге? - Айсалкын ыраазы боло жылмайып алды, - Жыйырма небере, он беш чөбүрө көрдүк, эми бул дүйнөдөн аласабыз деле калбады көрүнөт.

- Коюңузчу апа, неге минтесиз? - Токтокан апасын аяй карады.

- Анан дүнүйөгө түркүк болмок белек, ызаттап-сыйлап көмөөр силер турасыңар, биз кудайга ыраазыбыз.

- Антпегиле апа, атам экөөңүздөр дагы көп жашап рекорд коесуңар, - деп Айдар тамашалай күлүп калды.

- Кой айланайын, эми силер көргүлө, - деп Айсалкын унчукпай калды.

- Айдар, эртең отун жарып жыйып койгула, койдун эти бышкыча жыйып коесуңар, - деди Алыбек.

- Макул ата, жээндериң бош отурганча иштешсин.

- Кадырбек экөөбүз аралай коебуз, - деди Нурманбет.

- Айланайындарым десе, өмүрүңөр узун болсун садагаларым, - деп койду Айсалкын, тамак ичилгенден кийин алты бөлмөгө бөлүнүп жатып калышты. Эртеси эртелеп кой союп кыз-күйөөсүн коноктомок болуп жатканда неберелери отун жарып жатып кайсалактап калды, ошол убакта Айдар:

- Ата, бул айылда иштеп бере тургандар барбы акысына, - деди.

- Толуп жатат балам, жанагы арак деген балээден берип койсоңор эмне болсо да жасайт.

- Анда Кадырбек сен ошондойлордон таап кел, булар чарчады, отун көп экен, жоондорун ошолорго жардырып алалы, - деди Айдар. Кадырбек заматта барып экөөнү алып келди, алар арыдан бери жарып үйүп коюшту, эки бөтөлкө арак алып берип, колдоруна акча берип кетирди. Эң улуу баласы өзүнчө турат, алар бала-чакасы менен келип, өздөрүнчө бир койлук болуп бапырап жатышты. Токтокан эртеси эки көзү төрт болуп жолду караганы менен Алманбетти көрө албады. Ал жөнүндө анык кабар ала албай кыжаалат болуп үч күн бою караса да карааны көрүнбөдү. Бир жума жүрүп анан жолго чыгышты…

Кубат Алманбетти кууп чыкканы менен сары санаа болуп чыдабай көчөгө чыгып эки жактан караанын издейт, Гүлсара андан бетер аны эстеп жүрөгү сыздап Кубатка айта албай жүрдү: "Суук түшүп калды, кайда жүрөт болду экен, кокус өлүм калса эмне болот, оо кудай, уулумду аман кыла көр, кантейин каралдым ай, атаңдын көңүлүн оорутуп, көңүлүн кирдеттиң го, болбосо сени ушинтип коер белек" - деп ойлонуп ичкени ирим болуп тынчы кетип сыр билгизбей жүрө берди. Адинай мектепке кадимкисиндей эле бара баштады, бара-бара унуткандай да болуп баратты. Ал Гүлсараны жумуш жасатпай баарын өзү жасап калган, кирин жууп, үй ичин тазалап жаны тынбайт. Сыртта кар жаап жаткан, эрте турган Гүлсара: "Эмне күндү көрүп жатат курган балам, ушул суукта өлүп калбагандай эле", - деп дарбазасын ачса түбүндө бирөө отургандай түртүп ачты, бүрүшүп Алманбет отурган бойдон уктап калыптыр:

- Карангү-үн, карангүн тоңуп калган го? - деп бети-башын сыйпалап жатканда ал көзүн зорго ачты.

- Апа, мени кечиргиле, таштандынын таштандыда өлгөнү жакшы ээ, бекер багыпсыңар, - деди үлдүрөй, - Мен силер ойлогондой бала болбодум…

- Алда кагылайын ай, эми эмне кылам? - Гүлсара үйүнө жүгүрүп кирип тамак ысытып, Кубаттын эски тонун кошуп алып чыкты.

- Апа, мени биротоло таштадыңарбы?

- Кудай ай, өзүңө-өзүң кылбадыңбы садага, ысык ичип ал, муну үстүңө кий, - деп карбаластап Гүлсара жанында турду, Алманбет тамакты бурдап-бурдап ичип алды, башын жерге салып отурганда койнуна бир нанды салып, колуна акча берип чекесинен өптү, - Мага ыраазы бол садага, өз балам эле дечү элем, өзүң кылдың, - Ыйлап ийди.

- Апа, кош болгула, атамдан кечирим сурайм, баары бир кечирбейсиңер билем, ошентсе да кечиргиле, - деди да тонду кымтылана башын жерге салып кетип жатты, Гүлсара сүлкүлдөп ыйлап карап туруп бир көчөдөн бурулуп кеткенде гана көз жашын аарчып дарбазадан кирип келе жатып эшигинин алдында турган Кубатты көрүп селт этип алды.

- Качан турдуң?

- Сенин артыңдан.

- Аа-а, - деп, үйгө кирип кетмек болгондо.

- Өзүн сыйлай албаган адам өзгөнү жарытпайт деген Гүкү, Алманбет бизди эмес өзүн ойлосо бул ишке бармак эмес, аның күнүмдүк жашоону гана ойлонот, алдына койгон максаты жок, боор ооруганды боорго тээп кетет, карды тойгон жердин кетменин чапкан акмакты жолобо дедим эле, келген экен да?

- Кубат, анын токтоло элек курагы, жыйырма бир, жыйырма эки жашыңда сен деле ойноок элең го?

- Гүкү, токтоло элек деп түрмөгө отурду, эки катын алды, эми тим койсо кылганы ушул, селсаяк болуп кетсе дагы боорум оорубайт!

- Эми жок дегенде кардын тойгузуп коеюн дедим, энелик сүтүмдү бербесем дагы элик сүтүн бердим эле, түн уйкумдан кечип, ооруп калса көзүмдү көлдөтүп кудайдан жанынын амандыгын тиледим эле…

- Ошого кеткен кайран мээнет, мээрим…

- Сен мындай эмес элең Кубат?

- Аңгинин акмактыгы жүрөгүмдү муздатты.

- Кантейин эми, кечирим сурады.

- Кечиримби? - Кубат бурулуп Гүлсараны карады.

- Ооба, кечирим сурады.

- Сен эми аны үйгө келсе кечирип кабыл алат белең?

- Мм… мен кечиргенмин Кубат, бирок үйгө келишине каршымын.

- Ошондо-ой, анын жүзү чыдайт, анткени адамдык сапаттан эчтеке жок анда, аны менен бет маңдай отурууга биздин жүзүбүз чыдабайт, экинчи аны көрсөң да көрмөксөн бол, унутуп сал!

- Ма-акул Кубат, сен менин абалымды билсең го, минтип айтпайт элең атасы, - деди да кирип кетти. Оор күрсүнүп Кубат да боору ооруп кетет, чыдабай алып келип алгысы келет, бирок анын айбандык кылганы, жаш кызды бычак такап жылаңачтанып зордуктаганы көз алдына келгенде аны муунтуп өлтүрүп койгусу келип кетчү. Сыртына чыгарбаганы менен баары бир: "Суукта тоңуп өлсө эл наала кылат го, эмне кылсам экен", - деп башы катып жүргөн. Эки-үч жолу дарбазанын түбүнө жатып алганын көрсө дагы унчукпай койгон эле, эми өзүнчө ойго чөмүлдү, үйгө кирип Адинайдын сабакка кетип жатканын көрүп:

- Сабагыңа жөнөдүңбү балам? - деди.

- Ооба ата.

- Бара гой кызым, - деп төргө отуруп ойлуу Гүлсарага көз кыйыгын жиберди, ал унчукпай тамак куюп сунду, Адинай сумкасын алып чыгып кетти.

- Быйыл тогузду окуп жатат, окутабызбы?

- Гүкү, мен бир ойго келдим.

- Кандай ой?

- Эми келсе Алманбеттин колуна акча берип шаарга жөнөтүп ийсек кантет?

- Шаарда эмне иш кылат?

- Көздөн далдаа болот да.

- Кайдыгер гана өлсө өлсүн дейсиңби?

- Анда киргизип ал, Адинай кантет?

- Ошону ойлонуп кабыргам сөгүлүп жатпайбы? - Көз жашын аарчып алды.

- Сен ушул экөөнү ойлонуп жүрүп ооруп калбагай элең Гүкү.

- Ушул азаптан көрө тынч өлүп калсам болмок.

- Сен өзүңдү гана ойлобо Гүкү, мен кантем, кырк жылдап бири-бирибизди сыйлап, жаман айтышпай жашап келе жатканыбызды бир өлүм менен бүтүргүң келеби, менин сенден кийинки жашоомду ойлочу? - деди каңырыгы түтөй. Бул дүйнөдө бири-бирин кыялбаган азаптуу мүнөттөрдөн өткөн армандуу убакыт болбос керек, канча жыл балалуу болушпаса дагы өйдө карап бирине-бири сүйлөшкөн эмес. эми минтип өздөрүнүн канынан жаралбаса да ысык-суугуна күйүп өстүргөн эки баласынын азабынан кээде сүйлөшпөй калып жатышат.

- Кубат, - деди Гүлсара муңкана көпкө ыйлагандан кийин, - Ошондой кылалы, колуна дурус акча берели да жашап кетүүсүнө шарт түзүп берели.

- Макул Гүкү, сен кайгырбачы, Алманды эптеп бул жерден кетирбесек эл-журтка уят болобуз, бир сырды жашырабыз деп андан өткөн чоң шылдыңга калбайлы, Адинай дагы ичинде арман кылып жүргөндүр, анын келечегин бүдөмүк кылып алдык, кандай болгон күндө дагы Алманбетти ага көрсөтпөй далдоодо кармап, сыртынан көзөмөлдөп турсак болот го?

- Туура айтасың Куке ошентели, Алманды талаага кароосуз таштабайлы, сыртынан кабар алып туралы, - деп Гүлсара кубанып кетти, - Сыртынан көз салып, үйлөнсө да карап турсак адам болуп кетээр, али бала бойдон эмеспи, отузга чыкканча акылына кирип токтолуп калаар Куке.

- Мен дагы ошону ойлонуп турам, күндө үйдүн жанында жатса көргөндөр жерге түкүрүп бизге наалат айтып жаткандыр. Ошону менен сөздөрү бүтүп өз иштери менен алектенип калды. Адинай ошол мектептин он биринчи классында окуган Марлес аттуу бала менен кат алыша коюп жүргөн. Ал аны жолугушууга чакырса дагы болбойт, ата-энесинен тартынат, сыйлайт, Алманбетти өзү үчүн кубалап чыккандан бери алардын алдында өзүн күнөөлүү дагы, милдеткер экенин сезди: "Мен бул адамдардын алдында милдеттүүмүн, өз ата-энем бере албаган жакшы мээримди мага дал ушулар берди, жакшы жашоону сездим, мен үчүн баласын кубалап өздөрү кыйналып жүрүшөт, аларды уятка калтыра албайм, ошолордун айтканы менен болушум керек", - деп ойлонуп Марлеске кат жазды: "Марлес, мен сенин сүйүүңө татыктуу эмесмин, анткени мен бакма кызмын, ата-энем жок жетиммин, сенин ата-энең мени эч качан кабыл албайт, ошондуктан экөөбүз өз жолдорубуз менен эле кеткенибиз жакшы, бактылуу болушуңду каалап Адинай, 2007-ж.12.10", - деп акырын сумкасына салып мектепке барып коңгуроо кагылып танаписке чыкканда аны көздөрү менен издеп жатса ал басып келип шыбырап өтүп кетмек болду:

- Бүгүн жолугабызбы?

- Марлес, мен сага кат алып келгем.

- Кана? - деди кайрылып.

- Эч ким көрбөсүн, жакын кел, - деди да учурашкан болуп колуна кармата салды да жүгүрүп кетти, өзү ыйлагысы келип класска кирди да китебин окуган болуп отуруп калды.

- Адинай, мен сага бир кызык айтайынбы? - деди классташ курбусу Алмагүл.

- Кандай кызык экен?

- Мага бир жигит кат жазды, - деп кулагына шыбырады да алакан чаба кубанып калды.

- Ал бактылуу жигит ким болду экен? - Адинай дагы ага акырын шыбырады, - Мен тааныймбы?

- Жо-ок, ал аскерден жаңы келген жигит.

- Куттуктайм! - Колун бекем кысты, - Сага жагаарын билип турам.

- Болду, - Алмагүл оозун басты, - Балдар келип калды, угуп калышса чуу көтөрүшөт.

- Сыр катканды жакшы билем, - Күлүп отуруп калды. Сабактан чыккандан кийин Алмагүл экөө эки жакка кетишчү, ошондуктан алар буфетке кирип кофе ичип отуруп сүйлөшүп жатканда аңдып тургандай Марлес кирип келди:

- Кандай кыздар?

- Жакшы.

- Отурсам болобу?

- Отура бер, - деп Алмагүл жылмайып койду, - Марлес Адинайды бир карап алып ага жакын отурду.

- Эмне жейбиз?

- Биз кофе ичип алдык, кетишибиз керек, - деп Адинай курбусуна кайрылды.

- Ооба, биз кеткени жатканбыз, - деп Алмагүл айтканда Марлес кошо турду.

- Анда чогуу эле чыктык, - Үчөө буфеттен чыгып келе жатканда Адинайдын колуна билгизбей кат карматып коюп, - Эмесе жакшы баргыла кыздар, - деди да алдыга басып кетти.

- Биз дагы бөлүнөлү, кечиксем апам санаркап калат, - деди Адинай.

- Макул, мен дагы эрте кетишим керек эле, - деди Алмагүл, экөө коштошо эки тарапка жөнөштү, Адинай Марлестин катын шашыла ачып окуп кирди: "Адинай, биздин сүйүүбүзгө бул эч качан себеп болуусу тийиш эмес, балким сенин башка жактырганың бардыр, эгерде ал менден өйдөрөөк, жакшыраак болсо, сени менден дагы катуу сүйүп кадырлап ала турган болсо сага каршы эмесмин, сени чын жүрөгүмдөн сүйгөндүгүм үчүн бактылуу гана болушуңду каалайм! Бирок сөз башкада Адинай, сен мени сүйөсүңбү???", - деп гана коюптур. Катты кайра-кайра окуп анан: "Менин сүйүүм сени менен гана, бирок мен сага татыктуу эмесмин, тебеленген кызыл гүлдөй уйпаланып эбак тепсендиде калганмын, буга эч кимди күнөөлөбөйм, анткени төрт адам бул сырды түбөлүк сактап калабыз деп ойлойм, баарыга жайылып шылдың болгончо ошонусу дагы жакшыдыр, бирок көкүрөгүмдөгү бир арман өлгөнчө жүрөгүмдү өйүп жүрүп өтөт го", - деп жай басып кетип баратса Алманбет мас болуп алып талдын түбүндө отурат, жанында дагы бирөө, кечээ эле үйдөн көргөн атасынын тонун кийип алганын көрүп: "Демек чыгарып ийип түтпөй каралашып жүргөн экен да, болбосо бул тон үйдө эмес беле, менин колумдан келсе азыр дагы жарып өлтүрмөкмүн, мен деп турган ата-энемден да артык болуп калган адамдарды сыйлайм, кантсе дагы мээнетин коротуп баккан баласы эмеспи, чыдай албай жүргөн го", - деп ойлонуп жай басып үйүнө келди.

- Келдиңби садагаң, үшүгөн жоксуңбу? - деп Гүлсара мээрим төгө тосуп алды, - Эшик катуу суук болуп турат го?

- Ооба, аябай суук, үшүгөн деле жокмун.

- Атам бир жакка кеттиби?

- Ал мал сатсамбы деп сүйлөшкөнү кетти.

- Аа-а, - деп койду Адинай, кийимин которуп кайра чыкты.

- Атаң сага телефон алып берем деп жатат кызым.

- Чын элеби? - Адинай кубанып кетти, - Качан апа?

- Мал сатса алып берет.

- Ой-ий жыргал, жакшы болот эле.

- Тамак даяр кызым, алып келчи, - деп Гүлсара отура кетти, Адинай тамакты алып келип экөө отуруп ичип жатканда Кубат кирди:

- Мал кандай экен?

- Жакшы эле го, моюнча торпоктор ондон ашып жатыптыр.

- Кымбат экен анда, эртеңки базарга алып чыга бер.

- Ооба, эртең алып чыгабыз, Адинай экөөбүз барып адегенде тандап телефон алабыз ээ кызым, - Отуруп жатып Адинайга кайрылды, - Жакшы телефондор бардыр?

- Бар дешет, бирок кымбат го ата.

- Кымбат болсо дагы алып берем.

- Рахмат ата, - деп Адинай Кубатты өөп койду.

- Секелегим десе, сени апаң экөөбүз кандай жакшы көрөөрүбүздү билесиңби кызым?

- Билем ата.

- Садага кетейин десе, жазда окууга барасыңбы кызым?

- Он бирди бүтүп барганым дурус апа.

- Эмнеге? - Экөө тең Адинайды карап калышты.

- Биринчиден билимим жетишпей калат, экинчиден университетке тапшырайын дегем апа, тогуздун күбөлүгү менен жакшы окууга кире албайм.

- Азамат кызым, - деп кубаттап койду, - Окууң жакшы, туура кыласың кызым.

- Мен өз күчүмө ишенем ата, алтын медалга жетем деген үмүтүм бар.

- Азамат кызым, анда он биринчи классты бүтүп анан барасың.

- Мейли кызым, биздин эмгегибиз кайтса болду, - Гүлсара ойлуу, ушул кезде Алманбет оюна түшүп кетти: "Шордуум ай, азыр каерде жүрөсүң деги, тоңуп өлүп каласың го кургурум ай, кой аны тезирээк кетирбесек болбойт, эртең мал өтүп кетсе бүрсүгүнү жөнөтөлү", - деп ойлонуп отура берди. Анын эмнени ойлонгонун Кубат сезди, унчуккан жок, өзү да андан кем эмес санаада эле, сыртта туман каптап суук катуу болуп жаткан: "Бараар жери жок кайда кимдин босогосунда жүрөт жаман, түбөлүк бизге машакат алып келген азап болду го", - деп ойлонуп алды.

- Ата, мен кружокко катыша берейинби? - деп калды Адинай.

- Кандай кружок экен?

- Бий боюнча.

- Өзүң бийди жактырасыңбы?

- Ооба, бийлеп жүрөм, сиздер каршы болобу деп катышкан эмесмин да.

- Өзүңө жакса катыша бер кызым.

- Макул анда, кийим тиктирип бересизби апа? - Гүлсараны карады.

- Кандай кийим?

- Восточный кийим.

- Аның кандай болот?

- Чет элдик, мисалы индияча бийлейм.

- Айылда тиге турган бар бекен?

- Алмагүлдүн апасы бир кызга тигип бериптир.

- Макул, материалын берсем тиктирип аласың ээ?

- Ооба, жаңы жылга концерт даярдап жатабыз, эртең кечирээк келем го апа, - деп Адинай ачык айтты.

- Өзүң бил кызым, кыскасы жакшы жүрсөң болду.

- Сиздерди уят кылбайм ата, апа, - деп күлүп койду. Кубат сата турган торпогун тойгузуп базарга алып чыга турган болуп даярдап, малын карап жүрдү. Эне-бала ар кайсыны сүйлөшүп отурду.

Айдар үйүнө баргандан кийин өзүнчө ойлонду, анан Калманбетти жөнөткөндөн кийин кайнатасынын айылына барууну чечти: "Мен ошол баланы табам, өзүм алып келип үйлөнтүп үй алып берем дагы бөлүп коем, багып алган ата-энесине ачык айтам", - деген ойдо турду. Уулун Москвага жөнөтүп коюп Токтоканга:

- Мен шаарга барып бир иштерди бүтүрүп келейин, - деди.

- Кандай иш?

- Фермерлик боюнча, мал багууга кредит боюнча иштер бар.

- Барсаң бар, качан келесиң?

- Бир жумада келип калам го.

- Ошончо жүрөсүңбү?

- Иш бүткөнчө жүрөм да, - деди Айдар, - Сен ишиңде иштей бер, Гүлбарчын чоң атасыныкында болот, Нурманбетти кыштоого жөнөтөм.

- Макул, субай уйларды көрүп келсин.

- Жылкыны дагы көздөбөсө болбойт, бооздорун айдап келсин.

- Ошентсин, - деди Токтокан, - Баса эскертип коеюн, жылмаңдаган келин-кесек көрсөң көөнүңдү бузуп жүрбө, - деди жылмая.

- Сени алмаштыра элекмин го, же бир шек билдиңби?

- Деги айтам да, - Наздуу карады, - Бир жолу алмаштыргансың.

- Анда жаш экенмин да, өз жүрөгүмдү тыңшаганды биле элек, - Айдар каткырып калды, - Аны унутуп кой эми алтышка.

- Болуптур, унутууга аракет кылайын.

- Токон, - деп Айдар ага жакын келип ийнине колун койду, - Ошону алигиче унута албадыңбы? - Көзүнө тигилди.

- Айдар, унута албай турган себеби бар.

- Кандайча?

- Өзүң билесиң, - деп Токтокан сумсая түштү, - Ошол кезди кантип гана унута алам, ар бир күнүм, ар бир саатым ошол күндөр менен байланыш…

- Сен мени жинди кылып жибересиң минтсең, ачык айтчы бай болгур?

- Эмне дейин, эмнесин айтайын, төрөгөн балам бар деп айтайынбы, же анын өлүп калганын айтайынбы? - деди токтоо пас үн менен.

- Мага өлгөн дебе, барын айт Токон, мен ошонун тирүүлүгүн уккум келет!

- Анда ал тирүү!

- Эмнээ? - Айдар аны кое берди, - Мен билгемин, өлгөнүнө ишенген эмесмин, азыр ал кайда, кандай адамдардын колунда?

- Албы? - Токтокан ойлуу терезеге келди, - Ал аяздын койнунда, түрмө көргөн адамдан башкача жаралган адам, уктуңбу ал экөөбүздүн күнөөбүз азап тартууда билсең! - Эки көзүнөн мөндүрдөй жаш куюлуп койнуна түшүп жатты.

- Сен аны кайдан билесиң, эмнеге түрмөгө отуруптур? - Айдар Токтоканды булкуп-булкуп ийди, - Эмнеге өлдү дедиң, өзүбүз бакканда андай болмок эмес эле го?

- Мен сага ал учурда айта алмак эмесмин, анткени баккан адамдар аны кандай кылып багып жатканын көргөмүн, мындай болоорун ким билиптир?

- Ах Токтокан, Токтокан! - Айдар башын мыкчый тегеренип кетти, - Эми аны кайра алсак болобу? - деди кайра кайрылып.

- Эмне, мен ага үйлөнбөй кетип калганмын, кийин кайра табыштык деп айтасыңбы, же менин күнөөм дейсиңби, Алманбет азыр жыйырма экиге карады, жаш бала эмес, сенин айтканыңа ишене коюп эле атам экен деп сени ээрчип келет деп ойлоп жатасыңбы, түрмө көрүп, эки аял алып берсе жашай албаганына караганда анын кайрымы жок болуп өскөн Айдар, ошол ардактап баккан ата-энесин сыйлабаган экөөбүздү сыйлайбы?

- Эмне кылабыз анан, өз кан-жаныбыздан жаралган баланы өмүр бою жашырып өтөбүзбү?

- Мен да билбейм, күн өткөн сайын көкүрөгүмдү армандын күйүтү өрттөп баратат, түбөлүк сактайм деген сырым жүрөгүмө батпай бук кылып өзүмө-өзүм батпай баратам Айдар! - деп отура калып буркурап - боздоп жиберди Токтокан, Айдар ага боор ооруй жанына отуруп өзүнө тартты, экөө тең үнсүз мелтиреп отуруп калышты.

- Алманбет дедиңби? - Айдар үнүн пас чыгара сурады.

- Ооба, аты Алманбет.

- Анда сен аны мурдатан эле билчү экенсиң да?

- Билгенде аргам канча Айдар?

- Билбейм, азыр менин дагы башым маң болуп турат.

- Анын үйүнөн чыгып калганын уккандан бери жаным жай албайт, түн уйкум тынч эмес, көз алдымда анын карааны, Калманбетке куюп койгондой окшош баламды көрүп эбедейим эзилсе, тагдырынын татаал болуп калганын угуп жүрөгүм барча-барча бөлүнүп отурат…

- Аттиң, ушул экөөбүздүн тең күнөөбүз эмеспи, неге ал биздин кетирген катабыз үчүн жабыр тартышы керек, биз аны бактылуу кылууга акылуубуз, мен ага барышым керек, ата-энесине барып жолугам, сүйлөшүп, ал-акыбалын билем, эгерде алар тажаган болсо алып келем, - деди ойлуу Айдар.

- Алып келгенде ата-энеңе ким деп айтасың?

- Алар уккан, сен өлүп калды дегенде аябай кейиген.

- Анда жаш, бала эле, наристе болчу, биздин тарбиябызга көнмөк азыр ал бизди түйшүккө гана салышы мүмкүн, балким таптакыр кыялы башкачадыр, же баккан ата-энесин угуп калып ошого карайып алгандыр?

- Кандай болсо дагы алып келип мындан ары өзүм карайм, анын алдындагы аталык парзымдан кутулгандай болоюн, - Айдар туруп эшикке чыгып кетти, Токтокан мелтирей отуруп калды, ага азыр баары бир болчу, турмушуна ыраазы, тагдыры бир терс бурулуп барып өз ордуна келгени менен ошол күндөн көөдөнүн эзген көйгөй калганы аны ушул кезге чейин кыйнап келгени жалганбы? Эртеси Айдар жолго чыкты, бирок Токтокан кайда барарын сурабады, тек өз жайына койду, өткөндү кайталай бергенде эмне деди оюнда, унчукпай кала берди, ал ушул бойдон көрүшпөй калаарын сезген жок. Кетип жатып аварияга учурап ошол жерден көз жумду, эртеси кечинде анын сөөгүн кучактап боздоп жатты Токтокан. Аттиң ушундай болоорун билсе канынан жаралган наристесин таштамакпы: "Ошол бала деп жүрүп өлүмгө учурады, ал бала кара жолтой болду, Айдар аны чын дүйнөдө гана көрө турган болду", - деп ойлонуп Алманбетти жек көрүп кетти. Айдарды аруу жууп, ак кепиндеп койгондон кийин Айсалкын кызына куш тилиндей кабар айтып отурду.

- Токон, Кубат баккан бала өтө жаман болуптур, азыркы кышкы суукта көрүнгөн жерде ичип алып жатып калат экен, Кубат үйүнө киргизбей коюптур, аялы анда-мында акча берип, тамак-аш көтөрүп келип кардын тойгузат экен, - деди экөө аста сүйлөшүп отурганда.

- Эмнеге кууп чыкты экен?

- Анысын эч ким билбейт.

- Суукта өлөт го анда.

- Өткөндө Алыбекке айтып көрдүм.

- Эмне деп?

- Мал багып үйдө жүрө берсин деп.

- Эмне деди анан?

- Алпештеп баккан Кубат менен Айсалкынга жакшылык кылбаган бизге кылабы, уурдап кетет, - деп болбой койду атаң.

- Апа, эптеп ошону бооруңарга тарткыла, өлбөстөй кылып кыштан чыгарсаңар жазда өзүм барам, ошондо анын тагдырын чечем, - деди Токтокан ишенимдүү.

- Ачыгын айтмаксыңбы?

- Жо-ок, аял алганга жардам берем, үй алып берем апа.

- Баргандан кийин эптеп шылтоо кылып көрөм го.

- Ошент апа, Айдар ошол деп жүрүп өтүп кетти, аны аябай көргүсү келген эле, экөөнү кудайым бул дүйнөдө кезиктирбеди, баарын кылган мен, - деп буркурап жиберди. Сырттан кирген Гүлбарчын апасы менен кошо ыйлап жатты, ал атасына ыйлап жаткан экен деп ойлогон эле.

- Эми белиңди бек буу кызым, күйүт жаман, бизди шорлотпо, биз кетели, - деп коштошуп келини экөө жолго чыгышты, кудагыйлары узатып чыгышты. Калманбетти Айдар өлгөн күнү чакырткан, коердо келип калды, самолет менен келген экен. Аза-кайгы тартып кала беришти, Калманбет атасынын фермерлигин өз колуна алмай болду…

Кубат торпогун сатып, кийим-кечесин даярдап Алманбетти таап колуна акча берип таксиге салып койду.

- Жакшы жүр, - деди обочо чакырып алып, - Аздыр-көптүр мээримибизди аяган жок элек, өзүңө-өзүң кылдың, эми бул айылды унут, өзүңдүн жашооңду өзүң жолго сал, бизге эмес тагдырыңа таарын, - деди.

- Ата кечиргиле, мен туура эмес иш кылдым, жакшы калгыла.

- Жакшы бар! - деди да бурулуп кетти, Кубат ошол сөз менен кошо жакын адамынан айрылгандай жан дүйнөсү эңшериле мууну бошоп кетти: "Аттиң, өзүм балалуу болбосом да бирөөнүн баласын алпештеп бактым эле, жыйырма эки жыл бою кан-жаным менен бирге болуп балам жок дегенди унутпасам дагы көөнүмдү тындырып, өлсөм топурак салаарым да ушул деп канагат кылчу элем, арга жок, аман болсун", - деп үйүнө барчу жолго түшпөй айылдын четин көздөй кетип жатты, ал ушул кез жалгыз болгусу келди, өзүн-өзү алаксытып арманын ай талаага чачып ийгиси келди: "Гүлсара жакшы аял, мен аны сүйгөмүн, бири-бирибизден бөлүнүү өтө кыйын болду, экөөбүз тилеген тилегибизге жетип баш коштук, бирок балалуу боло албадык, бул да болсо тагдырдын жазмышы", - деп ойлонуп баратып Гүлсара экөөнүн таанышкан кезин эстеди…

Жетимишинчи жылдардын аяк чени, кыздар менен тамашалашып, сөөктөн өткөн суукка карабай көчөдө колоктоп жүргөн кези, аскерден күзүндө эле келген, атасы аны үйлөн деп калды. Ошондо аскерде бирге болгон жолдош баласы аны өз үйүнө чакырып калды, Кара-Суунун бир айылынан эле, аныкына барып бир кыз менен таанышып калды, жанында дагы бир кыз бар болчу.

- Сулуу кыз, ала качам коркпойсузбу? - деди Кубат күлүмсүрөй.

- Күйөө келсе кыз даяр, - деп Гүлсара шыңк эте күлүп койду.

- Азыр эле кеттик анда.

- Давай, ат араба мененби же төө мененби?

- Кааласаңыз жетелешип эле кетип калабыз.

- Жакшы болот, адегенде мени алып кете турган жигиттин атын билип алсак, - деди шакылдай Гүлсара.

- Оой, кечирип койгула кыздар, таанышууну унуткан турбайынбы, себеби көргөндө көзгө түшчү кыздар экенсиздер, менин атым Кубатбек, - деди колун суна.

- Гүлсара.

- Гүлбадам.

- Атыңар гүлдөн токулган гүлдөй кыздар экенсиздер, өзүңүздөргө атыңыздар жарашкан, - деп ого бетер жакындай калды Кубат.

- Сөздөрүңүз кооз, көздөрүңүз саз, кыз сүйчү жигит экенсиз, кимибизди тандайсыз? - деди Гүлбадам күлө карап.

- Кимиңизге жакканымды билбей турам.

- Экөөбүзгө тең жактыңыз, - деди сырдуу жылмайган Гүлсара.

- Мен жалгызмын, өзүңөр тандагыла.

- Чучу кулак кармайбыз анда, - деп Гүлбадам күлдү, тамашалашып турушса Бакир келип калды, аны көрүп эле Гүлбадам Гүлсараны нукуду, экөө ары басып кетишти, анткени Гүлбадам Бакирдин карындашы эле.

- Кубат, жүрү үйгө, мен сени күттүрүп койдум, - деп Бакир аны үйүнө алып жөнөдү. Алардыкына келсе Гүлбадам ошол жерде экен, Кубатты коноктоп аерде көпкө жүрүп калды. Гүлсара менен сүйлөшүп кетээринде кайра келем деп кетти, жазга чейин кат жазышып турду, май айынын жаадыраган күндөрүнүн биринде ала качып алды. Бактылуу мүнөттөр, сүйүү каттарын бири-бирине көрсөтүп күндүзү ата-энесинен тартынышса, түндөсү махабаттын жалындуу отуна кактанып, сүйүүнүн илеби рахат тартуулап бактылуу болуп жашоонун кызыгына батышты. Бир жолу Кубат:

- Гүкү, эгерде сага алтын балык көрүнүп үч каалооңду аткарам десе кандай каалоону айтат элең? - деди кучактап жатып.

- Андабы? - Гүлсара ойлонуп эркелегендей, - Анда-а мен сенден эч качан ажыратпоосун суранат элем.

- Дагы?

- Ата-энемдин амандыгын.

- Анан, үчүнчүсүчү?

- Үчүнчүсүбү, үчүнчү каалоом сен экөөбүздүн бактылуу жашашыбызды.

- Жаным десе, биз ансыз дагы бактылуубуз, - деп Кубат жаш келинчегин өөп бекем кысып жатып алып, - Бала тилегенди унуттуң, - деди.

- Аа - ай, унутуп калыпмын, бирок бактылуу болсок баары болот да Куке, - деп эркелей мойнуна асылганы азыр дагы көз алдында: "Аттиң, кайрылып келбес кайран жаштык ай, алды жагыңды аңдабастан сүйлөп алып кесирин тартып калаарын билбеген курак, байкуш Гүкүм дагы эч нерсе менен иши жок жаштыгына чиренип ооз кесир кылган экен да, өмүрлөр өттү, үмүт-тилек менен баккан балабыз түбөлүк азап салып кетти, айла канча, башка салганды көрбөскө чарабыз барбы", - деп оор күрсүнүп алды да артына кайрылып үйүнө кетчү жолго түштү. Бул кезде күн кылкылдап уясына жакындап кыпкызыл нуру жер бетин боекко бөлөп турган, үйүнө келгиче жер бетине күүгүм түшүп калды:

- Мынча неге кечиктиң? - деп Гүлсара алдынан чыкты.

- Жүрдүм да, эмне болду?

- Кетирдиңби?

- Кетти, - деп ийинин күүшөй оор күрсүнүп алды, - Бир шордуу кетти Гүкү, биз ага өмүр бердик, чоңойттук, калган өмүрүн өз каалаганындай өтөсүн, аман болсунчу, - деп ичкериге кирип кетти. Андан ары сүйлөөгө кудурети жетмек эмес, Гүлсара аны түшүндү, аяды.

- Кызым, телефон алды, мен өзүм алып бердим, - деп артынан келе жатып сөздүн нугун башка жакка бурду Гүлсара.

- Жактыбы Адинайга?

- Ооба, жакканын алдык.

- Кружогуңа катыштыңбы кызым?

- Ооба ата.

- Жаңы жылда кызымдын чимирилип бийлегенин көрүп келели ээ байбиче? - деп Кубат Гүлсараны карады.

- Ооба, кызың өзү дагы индиянын кыздарына окшош, кыздар менен чыкса тааныбай каласың го? - деп күлдү Гүлсара.

- Өзүмдүн кызымды тааныбай эмне? - Кубат аялын ормое карады.

- Кой эми чычалаба, деги айтам да.

- Апа, мен жалгыз бийлейм, - деди Адинай.

- Аа-а, анда кеп башка.

- Эмнеси болсо дагы аман болчу садага, сен окууга кетсең атаң экөөбүз кантээр экенбиз? - деген Гүлсара: "Аяктан өз энесин таап алса кантебиз, жок дегенде балалуу болуп бизге берип катышып турса жакшы болот эле, апасы каттатпай койсочу", - деп телмире отуруп калды.

- Тез-тез келип турам апа, капаланбаңызчы, - деп Адинай ага жалооруй карады, - Сиз капалансаңыз менин жүрөгүм ооруп кетет, атам экөөңөргө телефондон сүйлөшүп, суранып келип турам ээ?

- Садага болоюн секелегим десе, кезектешип атаң экөөбүз эле барып турабыз.

- Туура, барып турабыз, жай келсе сен окууңду бүткөнчө шаарга барып жашайбыз, сен кыйналып калышың мүмкүн.

- Ырас эле, шаарга барабыз, үй сатып алабыз, ал сеники болот, - дешип бакылдашып сүйлөшүп жатканда коңшусу кирди.

- Кел Бактыкан, кел, - деп Гүлсара аны жылуу тосуп алды.

- Бака-шака түшүп жатсаңар коногу барбы деп ойлодум эле.

- Биз өзүбүз ушундай сүйлөшөбүз, кызымдын оюнун көрөлү деп атасы экөөбүз кубанып жатпайлыбы.

- Адинайдынбы?

- Ооба, жаңы жылда бийлейт экен.

- Жакшы тура, азыркы жаштардыкы жакшы эмеспи, базарда баары бар, жадагалса үйүңдө отуруп дүйнө жүзү менен сүйлөшөт, окуусун чет өлкөлөрдө улантса да болот, каалаганыңды акча менен бүтүрөсүң.

- Ооба десең, илгери биздин убакта индийский чайды дүкөнгө келгенде ала алчу эмеспиз, тааныш аркылуу колубузга тийчү, койчуларга автолавка менен жеткирчү, - деп Гүлсара аны коштоду.

- Эми акчаң болсо бүт дүйнөнү кыдырсаң болот.

- Ээ мейличи, эл тынч болсо болду, эси бар балдар үчүн жол толтура, кандай жашаса да болот, кел чайдан ичип отур.

- Ичтим, мен тиги жөн эле кире калганмын, баса Алманбетти кечээ күнү короонун сыртында жаткан жеринен көрдүм, ага эмне болгон?

- Ичип кетсе ошол да, качан келгенин билбей да калабыз, өзү кызуу учурда кирбейт, - деп Гүлсара Кубатты карады, Адинай башка бөлмөгө чыгып кетти.

- Ушу суукта тоңуп калат го ботом, көптөн бери ичип жүрөт окшойт? - деди билмексен болуп Бактыкан, Кубат унчукпады, ушундай болоорун жүрөгү сезген, Гүлсара аны билгизбей сүйлөп отурду.

- Аял алып берсек эсине келеби деп жакшы эле карадык, эчтекеден кем кылган жокпуз, уурулукка кошулду, андан сабак алды, өзүңөр көрдүңөр кандай кылып бакпадык, бүгүн шаарга иштейм дегенинен торпок сатып колуна акча берип жөнөттүк.

- Шаарга кеттиби анан?

- Ооба, бүгүн кетти.

- Мейли, биерден силерге таянып калат тура, өзүнчө жашап көрсүн, иштеп элди-журтту көрүп кагылсын, - деп шыпшынып койду Бактыкан, - Эрке өстүргөндүн зыяны да тиет тура.

- Көзүн карап, айтканын жасап көндүрүп койдук, ойлоноор эми, аман болсо болду, акыры бир күнү түшүнөт бизди.

- Эмгегиңер кайтсын эми, кой мен кетейин, - деп туруп кетмек болду, Гүлсара кошо чыгып узатып кайра кирди.

- Капырай, аңдыгандары эле биз, элдин эмне болуп жатканы менен биздин ишибиз деле жок, - деп наалып алды.

- Ал үчүн ушакчы болуп төрөлүшүң керек эле, - Кубат күлүп койду.

- Тү-ү-түү, ушакчылык уругумда жок, - деди Гүлсара, - Адинай, кел кызым, тамагың быштыбы, ичип алып жаталы.

- Бышып калды апа, - деп тыпылдай тамагын алып келди, үчөө отуруп тамактанып анан жатып калышты. Марлес болсо Адинайды бура бастырбай артынан түшүп сүйүүсүн тартуулап жан-алы калбай жүрөт, кыз өзү дагы сүйүп калган бирок ички бугу кыйнап ага жолугуудан коркот. Сабактан чыгып кружокко катышканы мектептин залына кетип жатса артынан келип кармап калды.

- Адинай, неге менден качасың, сүйлөшүшүбүз керек.

- Марлес, мени жайыма койчу, бирөө көрсө уят, эжелер көрсө эмне дейт, мен даярданышым керек, - деп колун тартты.

- Мен күтөм, сен чыккандан кийин жолугам, - деп Марлес артына бурулду, Адинай даярдануу бөлмөсүнө кирип кыздар менен бирге кийинип бийлей баштады, музыканы коюп индия бийин чимириле бийлеген кыздын көйнөгү өзүнө жарашып, башына таккан жасалгалары аны ого бетер сулуу кылып, көрктүү көрүнгөнүнө кээ бир кыздар көрө албастык кылып ага терс мамиле кылып жатты. Ага Алмагүл гана жан тартып жанында.

- Көйнөгүң сонун тигилиптир, - деди Сонун деген кыз, - Бийлегенди кайдан үйрөнгөнсүң?

- Ушул мектептен эле.

- Үйүңдө бийлеп жатыгасыңбы?

- Жо-ок, атамдардан уялам да.

- Неге?

- Жөн эле, жакында гана жаңы жылдык концертибиз болоорун айттым, аябай кубанышты.

- Жакшы бийлейсиң, - деп суктана карады.

- Адинай, кийин бийчи болосуңбу? - деп сурады Жазира деген классташы.

- Жок, жөн гана бийлегенди жактырам.

- Анан кайсы окууга тапшырасың?

- Университетке, тарыхчы болгум келет.

- Жакшы окуйсуң, баардык жагынан жетишесиң, болушуң мүмкүн, - деп кыздар сүйлөшүп турганда бийдин мугалими келип калды.

- Кана, даярсыңарбы кыздар, жаңы жылга бир жума калды, өз кезегиңерди эстеп алгыла, кана баштадык, музыканы койгула, - деп өзү отургучка отуруп алып кыздарды карап турду. Кыргыз бийин, испан бийин, андан кийин индия бийин бийлетип көрүп Адинайга кайрылды, - Сен үйдөн бийлеп көнүгөсүңбү Адинай?

- Жок эжеке, менин кыялымда болгон нерсени турмушта аткара ала турган жөндөмүм бар.

- Азамат, чынында индия бийи өтө татаал, сен болгондо да эң жакшысын тандагансың, ак жол сага.

- Рахмат эжеке.

- Эмесе силер бара бергиле, биз эми эртең калганын даярдайбыз, - деди да мугалим балдардын баарын таратты. Мектептен чыгып үйүн көздөй жөнөп баратканда Марлес тосуп алды.

- Даярдык бүттүбү Адинай? - Жылмая катар басты.

- Ооба, - Адинай ага карабай тез-тез басып баратты.

- Адинай, мен сени сүйөөрүмдү билесиң, эмнеге качасың?

- Азыр мага сүйүүнүн кереги канча?

- Ооба дечи, бирок сүйлөшүп эле жүрүшпөйбү, сен өтө кербезденип баратасың, балким сөз айткандар көп болсо керек?

- Балким ошондойдур, бирок мага кызыгы жок.

- Неге, жаштыктын кызыгын учурунда сезе билип, сүйүүнүн даамын татууга убакыт жетти Адинай.

- Мага анын баарын эмнеге айтасың?

- Анткени мен сени сүйөм.

- Мен сүйүүнү түшүнө элекмин.

- Адинай суранам сенден жолугуп туралы.

- Жок, менин ата-энем көрсө же укса мени урушат.

- Кантип, илгерки заман өткөн, азыр жыйырма биринчи кылым го?

- Мен үчүн кылымдын зарылчылыгы жок, өз максатымды ишке ашыруу үчүн кайсы кылым болсо да баары бир эмеспи, себеби ар бир кылымдын өзүнчө адамдарга берген таасири, өзгөчөлүгү дагы бар, - деди да жүгүрүп жөнөдү.

- Адинай, токтой турсаң, бир сөз айтам, бир эле мүнөткө!

- Кереги жок! - деди да үйүнүн короосуна кирип кетти, Марлес бир азга турду да артына кайрылып кетти: "Мен сени сүйөм Адинай, сени баары бир сүйөм да сүйдүрөм, мейли жаштык кылып жатасың, бир кезде сен дагы мени сүйөсүң", - деп ойлонуп кетип баратты. Күткөн жаңы жыл келип балаты болуп, ата-энелерге концерт коюп башташты. Жаңы жылдык оюндар менен коштолуп ырдап-бийлеп жатты, бир кезде алты кыз менен индиянын сарилерин кийип чимириле бийлеп чыгышты. Кубат менен Гүлсара эң алдыда отурушкан.

- Кубат, кызыңа көйнөк жакшы жарашыптыр ээ? - деп нукуп койду Гүлсара кубанычтуу.

- Көрдүм, кызың өзүңө окшош сулуу да.

- Ооба, Адинай сулуу кыз садага кетейин.

- Карасаң Гүкү, бул кайдан үйрөнүп жүрөт ыя?

- Билбейм, мектептен үйрөткөн го?

- Алтын кызым десе, зирек кызым, - деп экөө элжирей карап турушту. Сыбызгыган индия музыкасы зал ичин шаңга бөлөп, сүйүүнүн символу болгон индиянын бийин бийлеген кыздардын алдында Адинай. Андан кийин кайра жалгыз чыгып бийледи, ошентип залда кол чабуу дүңгүрөп турганда аппак астра гүлүн көтөрүп Марлес бий бүтүп калганда Адинайга сунуп куттуктады, залдагы ата-энелер күбүр-шыбыр боло түштү, анткени Марлестин ата-энеси дагы бар болчу. Айыл жеринде кайдагы жандуу гүл болсун жасалма болсо дагы Адинайдын жүрөгүн толкундантып, эки бети чоктой кызарып сахнадан алыстады. Андан кийин кийинип алып ата-энесинин жанына келип отуруп, жаңы жылдык белектерди алгандан кийин үчөө ээрчише үйлөрүнө келишти. Ошондон кийин каникулда үйдө сабагын даярдап апасына жардам берип ата-энесинин айтканынан чыкпайт.

Алманбет чыны менен Кубаттардан көңүлү калып, үмүтүн үзүп өз арабасын сүйрөмөк болуп колуна берген акчанын батирге тиешелүү кылып бөлүп койду да кечки тамакты кафеден ичмек болуп чакан ашканага кирди. Тамак заказ кылып, жүз граммды кошо айтып эки жакты карап отуруп, бир аздан кийин тамак менен арак келип ичип отурганда:

- Оо Алик, сен кайдан жүрөсүң? - деген тааныш үн угулду, жалт карай берип түрмөгө бирге отурган Жоли деп койчу уйгур жигитти көрдү, - Брат кандай акыбал? - деп жете келди ал.

- Нормально, өзүң кайдан? - Экөө баш тийгизише отуруп калды.

- Ушул жердесиңби дос?

- Жок, бүгүн келдим, иштеп жатасыңбы?

- Кайдан, иш жок, сен эмне жумуштап келдиң?

- Иштейм го.

- Кандай иште иштейсиң эми?

- Билбейм, курулуш болсо иштейбиз да.

- Биржага чыгышың керек го, анткени күндө иш болуп турат - Жоли башын кашылап койду - Таза жашаш керек дос, тиякты болсо көрдүк, дагы жакшы эптеп тирүү калдык, баягыда "смотрящийдин", токмогунан өлүп кала жаздадык го? - Күлүп, жатакана барбы? - деди.

- Батир табыш керек.

- Батир бар, мени менен жашай бер, чогуу төлөйбүз да.

- Жалгызсыңбы?

- Негизи жалгызмын, бирок конокко кыздар келип турат.

- Тамак ичесиңби?

- Ичсе ичели, - деди Жоли, Алманбет официантты чакырып заказ кылды да экөө тамактанып алып анан Жолинин батирине жөнөштү, ал бир бөлмө батирде турчу, төшөнчүсү деле жок, эки төшөк бир матрацы бар экен.

- Ничего, эртең өзүмө төшөк алып алам, - деди жай таап жылуу бөлмөгө кирген Алманбет, экөө бөтөлкө алып келип дагы ичишти да жатып алышты. Ошентип иш издемек турсун батир акысына деген акчасын ичип бүтүп бекер үйдө тургандай жашай беришти. Бир жумадан кийин экөө "биржага" барып туруп жумуш таап үч күндүк жумуш иштеп келип кайрадан ичишет. Кычыраган кыш чилдеде Жоли келбей калды, Алманбет жалгыз жашап бир ай күткөнү менен ал келбеген соң батир ээси акысын доолап келип бере албаган соң:

- Үч күн күтөм, болбосо чык, мен сени тааныбайм, беркиниң кайда? - деди.

- Ал иштеп жүрөт байке, келип калат.

- Үч күндө келбесе, же сен акча бербесең чыгасың, - деп үйүлгөн бөтөлкөлөрдү бир карап коюп басып кетти. Алманбеттин аргасы кетип эртеси суукка карабай биржада турду, кыйчалыш болуп ал күнү жумуш жок болуп жанындагы болгон акчасына кардын тойгузду, эртеси кайра эле барып ары-бери өткөн унааларды үмүттүү карап түш оогуча турду, бир кезде бир аял келди жанына:

- Эмне жумуш кыласың?

- Кандай болсо да жасайм.

- Экөөбүз иштебейлиби?

- Сен кандай иш кыласың?

- Үй актайм, шыбак шыбайм, баарын эле кылам.

- Күндө болобу жумуш?

- Кайда-ан, күндө жумуш болуп турса сенин кашыңда турмак белем, бирде болот, бирде жок, бирде ач бирде ток, - Аял күлүп койду, - Атың ким.

- Алманбет.

- Менин атым Ася, мени менен иштешесиңби?

- Көрөбүз да.

- Жатаканаң барбы?

- Батирде турам, - деген Алманбет заматта үч күндөн кийин батирден чыгып калаарын эстегенде заманасы куурулуп Жолини эстеп келип калса деп тилеп ийди.

- Мен деле батирде турам, бирок жалгызмын.

- Канча төлөйсүң?

- Эки миң.

- Батирлердин баары бирдей да, - Ошол убакта бир унаа келип алардын жанына токтоду эле жетип барышты, алар аз келгенсип ар жактагылар дагы жете келишти.

- Мага эки киши керек, - деди унаадан түшкөн аял, жакындагандардан өзүн оолак кармап жийиркенгендей карады.

- Кандай жумуш? - деп Алманбет сураганда бир экөө аны жөөлөп машинага түшмөк болду.

- Биз экөөбүз, кандай жумуш болсо да жасайбыз.

- Токто-токто, - деди аял, - Мага бирөө аял болушу керек.

- Анда биз барабыз, как - раз экөөбүз, - деди Ася Алманбетти колунан булка, - Биз деле баарын билебиз.

- Жарайт, кеттик түшүңүздөр, - деп унаага аларды отургузуп кете берди, калгандар кайрадан аязга туруштук бере албоочудай, азыркы кеткен экөөнө кыжынгандай, кечки ысык тамакка жарачу тыйындан куру калгандай ар жерде эки-үчтөн топтошуп турушат. Алманбеттерди алып келген аялга Ася?

- Чоң кыз, канча күндүк жумуш? - деди аны сөзгө тарта.

- Үч же андан ашыгыраак.

- Жакшы болду, канча бересиз?

- Негизи мен канча төлөөрдү билбейм, анткени жалдап көргөн эмесмин, үйдү жаңы алганмын, ушуну актап-сырдап, терезелерди тазалап, мына бул мусорлордун баарын сыртка чыгаруу керек, - деп көрсөтүп жүрдү. Аты Зоя экен, бир май токочтуу мекемеде иштеп маянасы жогору болсо керек, колдогону да бардыр. Эки кабат үйдүн биринчи акталышы экен, Ася такылдап эсептешип жатты, Алманбет мындай ишти жасап же эсептешип көрбөгөндүктөн унчукпай эки жагын карап, жумуштун оордугун байкап: "Иш көп, бир жумушчу керек экен, экөөбүз биринчи кабатын эле жума бою жасайбыз го", - деп жүрөксүп турду. Зоя менен Ася баалашып келип он миңге токтошту. Зоя кетээринде экөөнө эки миң сом таштап жатаканасын көрсөтүп коюп кеткенден кийин:

- Алманбет, буйруса иш табылды, он күнгө жетпей ишти бүтүрүп коебуз да төрт миңден бөлүп алып кете беребиз, - деди.

- Биринчи акталышы экен, өтө кыйын го?

- Ой буга кейибе, өзүм бүтүрөм, андан көрө сен биерде жатып кал.

- Неге, мен батириме барышым керек, эртең акысын бербесем чыгарып коет, иш таптым деп айтып коеюн.

- Ой кокуй десе, али бала бойдон турбайсыңбы, ме миң сомду ал дагы жүгүңдү көчүрүп баса бер, акчаңды он күндөн кийин алсаң башка батир таап аласың, болбосо менин батириме барасың, - деп миң сомун бере салды, - Сени кайдан издеп жүрмөк эле, такси менен келип кал.

- Макул, - деди Алманбет, экөө ал күнү эки жакка бөлүнүштү, Алманбет күүгүмдө төшөнчүсү менен кийимдерин, кесе-аягын алып келип кичинекей бөлмөгө кирип даяр плитаны сайды да жылуу оңуп калды. Кыязы аерде мурда бирөөлөр жашаган сыяктуу өзүнчө эки бөлмө экен. Эртеси Зоя керектүүлөрдүн баарын алып келип таштап кетти, Ася таң эрте келген, шымалана ишке киришишти, чынында шпаклевканы Ася жакшы жасайт экен. Экөөлөп иштеп он күндө бүтүштү, түшкүсүн тамакты жасап ичишип акчаны үнөмдөп бүт жумушу бүткөндө Зоя келип акчасын берди да ыраазылык билдирип жөнөттү. Алманбет Асядан көп нерсени үйрөнүп алды, колуна төрт миң тийгенден кийин батир издеп кечке маал көчүп кетмек болуп келсе Зоя кишилери менен үйдү көрүп жүрүшүптүр.

- Алманбет, - деди Зоя, - Батирге төлөгөнчө бул жерди кайтарып жазга чейин тура бер, айына эки миңди мен төлөйүн.

- Макул, бирок мен жазга чейин иштебесем жашоо кыйын да, тамак аш үчүн дагы иштөөгө туура келет, кокус жатып иштей турган жумуш болсо бул жакты карай албай калам го?

- Анда мындай кылалы, баары бир иштейсиз, мен сизге беш миң төлөйм, азыр бир айдын акысын берем, жакшылап караңыз, - деп алып күлүп койду, - Мен сиз деп жатам, менден бир топ эле кичүү окшойсуң, сүйлөштүкпү анда?

- Жарайт, - деди кым дей түшкөн Алманбет суукта жумуш издеп жүрүү ага деле кыйын эле. Ошентип жашоосунун өз алдынча ушинтип башталганы бир аз кубантты. Зоя айтканына туруп беш миңден төлөп турду. Бирок адамдагы лапиз деген кыйын, жаны кыйналбай жашаганга эрдемсий түштүбү, короо ичин беш колундай билип калгандан кийин курулушка керектүү жыйылгандарды көрүп: "Арасынан билгизбей сатып жиберсем кайдан билмек эле", - деп астыртан кардар издеп арзанга баалап сатып ийди. Кымпыйып акча чөнтөгүнө түшкөндө келин-кезек алып келип жатып алат. Жаш кыздар ага келип чылым алдырып, ичкилик ичишип эки-үч күндөп түнөп калчу болду. Алгачкы жаздын көктөмү каңылжаарды жарып, айлана көркүнө чыгып калган кезде Зоя келип анын бөлмөсүнөн кыздарды көрүп унчукпады.

- Эмки айда көчүп келем, сен мына буларды отургузуп кой, акысын аласың, мен келгенден кийин дагы сүйлөшөбүз, - деп көчөттөр менен гүл уругун алып келип берип, кай жерге отургузаарын көрсөтүп берди. Алманбет аларды отургузуп эки-үч күн убараланды, гүлдүн уругун сээп баарын жай жайына койгондон кийин: "Эмки айда келсе батир издөө керек, балким ал мени биротоло кароолчу кылып алгысы барбы, андай болсо жакшы, эгерде кете турган болсом мени кайдан тапмак эле, биржага чыкпай башка иш кылсамчы, акча болсо баарына жетишем", - деп лапизи бузула короодогу тактайын түндөп жүктөтүп сатып ийди да эрте туруп такси менен буюмдарын алып кетип калды. Батиринде күндө бир кыз менен жыргап ичип жата берди, өзүн Галя деп атаган кыз ага жагып калды, бир күнү Алманбет:

- Галя, макул десең экөөбүз үйлөнүп албайлыбы? - деди.

- Кантип, жашаган жериң бул болсо, экөөбүз кантип жашайбыз?

- Мен иштейм, жакшы акча тапсам мындан жакшы батир жалдайбыз, анан жашап кетебиз.

- Жо-ок Алик, мен мындай жашоого макул эмесмин, - деп Галя болбой койду, оңойдон тапкан акчасына эт алып келип, ичкилик менен чылым ташып бир айда түгөттү, эки айдын акысын төлөп койгон, акчасы түгөнгөндө:

- Мен эртеңден баштап иштебесем болбойт, - деди Алманбет шылкыя, - Эмки айга батир акысын төлөөм керек.

- Иште, мен кеттим.

- Сен кайда барасың, үйдө боло бер.

- Менин "клиентим" бар, а сени менен жөн гана көңүл ачууга болот, сен аял эмес өзүңдү бакканга аракет кыл, ча-ау жаны! - деп жылмайып коюп чыгып кетти. Алманбет мелтиреп отуруп калды. Ал жумуш издеп дагы биржага келди, ошол күнү ал келе электе Зоя келип издеп кеткен, үч күн катар келип Асяга жолукту. Ал жөн гана шерик болуп иштегенин айтып коркуп кетти. Алманбетти көргөн Ася басып келип четке алып чыкты да:

- Сени Зоя издеп жүрөт, эмнеге андай иш кылып жүрөсүң?

- Эмне кылыптырмын?

- Этият бол, бүгүнкү күн менен жашаган болбойт, адам ачтыкка, бардыкка дагы көнүш керек, пейилди оңдоп жашоого умтулуш керек, жапжаш туруп бул ишке барбасаң болмок, эми сен бул жерге келбей жүр, Зоя сенин сүрөтүңдү телефонуна тартып алыптыр, акыры таап алат, сак бол, - деди жан тарта.

- Өзүм дагы туура эмес иш кылып алганымды кийин билдим.

- Кийин өкүнгөнчө, учурунда терең ойлонуп иш кылган жакшы, күлгүндөй курагыңда түрмөгө түшсөң эмне болот, бар эми бул жерге турба, - деди да өзү жашаган батирдин дарегин берди, - Керек болгондо барып тур, жумуш болуп калса кошуп алам макулбу?

- Макул эже, сизге рахмат, - деди да Алманбет жолго түштү. Ошондо ал Кубат менен Гүлсараны эстеди: "Бекер кылган экенмин, көзүмдүн агы менен тең айланып чоңойтту эле, Адинайдын убалына калдым, эми менин кимге керегим бар, өз ата-энем мени таштап кетсе, башка эле бирөө жалынып-жалбарып өстүрсө мен ошону сыйлай албадым, көтөрө албадым", - деп жер карап кетип жатса алдынан Жоли чыкты.

- Алик!

- Жоли! - Экөө баш тийиштире учурашып калды.

- Кайда кетип калдың, мен "тияктан", зорго чыгып келсем жоксуң да, батирге башка бирөөнү киргизип коюптур.

- Сенин дарегиң билинбей калды, төлөй албаган соң кетип калдым да, сен "тиякка", эмне болуп барып келдиң?

- Мен бирөөнү тоногонмун, көрсө анын артында кароолчусу бар экен, мен сумканы алып качып баратканымда узатпай кармап калды, ошентип үч ай камалып чыктым.

- Билгеним жок, барып турмак экенмин.

- Эч нерсе эмес дос, эми кайда барабыз?

- Менин батириме, иш жок дося, кыйналып турам, жакында батир акысы келет, дагы чыгып калсам кайда барам?

- Коркпо досум, азыр күн жылуу, мен бир жайды билем, чардап жашай беребиз, кыш келгенче батирге төлөгөнгө акча жыйнайбыз, - Жоли аны далыга таптап коюп экөө Алманбеттин батирин көздөй жөнөштү. Жолинин чөнтөгүндө бир аз тыйыны бар эле жолдон бир бөтөлкө, майда барат алып алды, - Бүгүн бир тойлойлу, эртеңден баштап "стро-рого" ишке киришибиз керек, - деп Алманбетти кубаттап койду.

- Эртең ишти кайдан издейбиз, мен эми биржага бара албайм, - деп Алманбет өзүнүн абалын айтып берди, - Тамак табуу дагы оңойго турбады.

- Оо чорт! - деп алды Жоли, - Сенин дагы жолуң кууш болуп калган тура, давай азыр башканы коюп бүгүн эс алалы, эртең ойлонобуз.

- Алманбет, - деди Жоли биринчи жолу өз атынан айтып, - Серезно иш таппасак болбойт.

- Туура айтасың, бул жашоо болбойт.

- Кантип иш табабыз?

- Сенде паспорт барбы?

- Жок, сеники барбы?

- Бар, тачка айдайлыбы?

- Экөөлөп бир тачка айдасак болобу?

- Эмнеге болбойт, эртең тачка табалы, - дешти, бул ойлору экөөнү кубантып турду, бирок эртеси ал экөөнө тачка бере койчу адам чыкпады, аргалары куруп кайрадан радиоузелге келишти, көп турбай эле эки аял келип аларды алып кетти, үч күн алардын үйүндө иштеп болгону алты жүз сом алышты да батирге келишип тапканын ичип жеп эртеси кайра иш издеп жүргөндө Алманбетти милиция кармап алып кетти, ошону менен аны эки жылга соттотуп ийди, түрмөгө түшкөндөн кийин анын экинчи жолу соттолгонун далилдеп Рамис деген аны колго алды:

- Балакай, сенин тажрыйбаң бар экен, сени боштондукка чыгарсам менин тапшырмаларымды аткара аласыңбы? - деди сынай.

- Сиз мени боштондукка чыгара аласызбы?

- Албетте, - Рамис каткырып алды, - Биздин колдон баары келет, эгер менин айтканымды жасап, үмүтүмдү актасаң машинаң, үйүң да болот.

- Ал кандай иш? - Алманбет маңыроо карады.

- Сенин ал ишти аткараарыңды билип турам, бирок кылт этсең башың кетет, бир жанга эмне кылып жүргөнүңдү билгизбешиң керек, баскан изиңде адам болот, - деди Рамис кытмыр жылмайып.

- Ойлонуп көрөйүн, - деп Алманбет отуруп калды. Бирок Алманбеттин боштугун байкагандан кийин тим койду, артынан киши салып жүргөн турганын эсепке алып жүрдү. Эки жылга чейин көрбөгөн кордукту көрдү, токмок жеди, бир жолу атайын Рамис сабатып эсин оодарып коюп госпиталга жатып үч ай дегенде сакайып чыкты, ошондо башына катуу тийип ар кайсыны сүйлөп калганда аны мөөнөтүнөн мурда бошотту. Сыртка чыгып кайда бараарын билбей турганда:

- Эй кетпей эмне дедиң? - деп милиционер жини келе кайрылды, - Эмне деп сүйлөдүң?

- Менби, мен каякка барам? - деди кайра ага суроолуу тиктеп.

- Бар, барчы ары! - деп басып кетти. Алманбет атың ким десе айта албай калган эле, ошентип көчөдө ой келди басып жүрүп, көрүнгөн жерге жатып, ачка болуп мусорлордон нан-пан таап жеп күн көрүп калды. Базарда таштандыны чогултуп, ар нерсени сүйлөп жүргөнүн көргөн Кубаттын айылынан бирөө көрүп:

- Ай Алманбет, сен Алманбетсиңби? - деди ага жакын келип.

- Эмне, мен киммин? - Маңыроо карады аны, кийимдери самсаалап турганын көрүп боор ооруду.

- Сен Кубаттын баласы Алманбетсиңби?

- Кубат… Кубат ким эле? - делдээ карады.

- Сага эмне болгон? - деп базардын чок ортосунда аны менен тургандан уяла басты: "Кызык, жапжаш балага эмне болгон, Кубат муну шаарга жөнөтүп туура эмес кылган экен, же кабарын албаса, өзү барбаса. Эми муну кайдан табат, акылынан айнып калган тура", - деп артына бир кылчайып карап коюп жолуна түштү. Алманбет эч нерсе менен иши жок:

- Кубат, Кубат ким эле, мен киммин, - деп баклашкаларды жыйып алып кетип жатса ар ким ага боору ооруй колуна тыйын карматып коюп:

- Олда бечара ай, оорукчан туура, - деп коюп өтүп кетип жатышты. Бир өмүр өз кылган күнөөсү үчүн жазасын тартып адам эмес же айбан эмес элдир-селдир, а дүнүйө менен бу дүнүйөнүн ортосунда, жакшы жашоо эмне экенин сезбей күн өтө берди. Кээси түртүп кетет, кээси товарынын жанына жакындаса урушуп кое берет. Эл берген акчаны чөнтөгүнө салып алып аз көбүн билбей берип нан алып жеп алып жүрө берет. Кээси ашык акча берсе боор ооруп:

- Буга берем, ашык берип койдуң, муну бекитип ал, - деп кайра берсе:

- Менин курсагым ачты, мен акча бердим, көөп нан бересиңби? - деп ыржая күлүп акчаны албай кетип калат. Артынан баш чайкап кала берет, кээси: "Байкуштун акылы кем туура", - деп тамак болобу, нан болобу берип коюшат. Ит турмуш ошентип бар жоктун ортосунда өтө берди…

Дал ушул учурда Токтокан эки уулун тең үйлөнтүп, кызын окутуп жаткан, жүрөгүн өйүп, өмүр бою санаа тарттырган жашыруун сырды ачык айтып Алманбеттин кабарын билмек болду. Эки уулун чакырып алып көп түйшөлткөн оюн айтмакка ойлуу телмирди:

- Апа, эмнеге чакырдыңыз эле? - деди Калманбет.

- Эмне дейин дедиңиз эле? - деди Нурманбет тынчсыздана.

- Балдарым, бул сырды атаң экөөбүз силерге айтууну чечкенбиз…

- Ал эмне деген сыр апа?

- Биздин жаңылыштыгыбыз…

- Түшүнбөдүк апа? - Экөө бири-бирин карап кызыга түштү.

- Силерден улуу дагы бир балабыз бар балдарым, - Экөөнү алмак-салмак карап, - Каргашалуу күнү атаңар анын кабарын билгени кетип жаткан, - деди.

- Эмне дейсиз?

- Кантип? - Экөө таңгала отуруп калды, - Түшүнсөм буйрубасын, ал кайда, кимдин колунда? - деп Калманбет кашын кере колдорун жайды.

- Ооба балдарым, ал силерден улуу, жыйырма бешке толду, дал бүгүн төрөлгөн, туура алтынчы сентябрь күнү, жарыкка келген баламды көргүм келбей көзүмдүн жашы көл болгон кезде атаңар башка аял менен ажырашып мени издеп жүргөнүн билбей ата-энемден, элден уялып баламды бирөөнүн эшигине таштаганга аргасыз жыйырмадагы кыз элем балдар… - Токтокан балдарын сынай карады, баарын айтып берди, алар унчукпай отуруп угушту. Үн дешпеди, саамга бөлмө ичи тымтырс болуп турду, көптөн кийин улуулук кылып Калманбет апасына жакын келип анын көз жашын аарчыды, анткени анын көздөрүнөн эрксиз жаш төгүлүп турган эле.

- Апа, капаланбай айтчы, ал кайда, аты-жөнү ким, биз барып таап келели, - деди акырын гана.

- Ооба апа, ал биздин бир тууганыбыз болгон соң, атам аны издеп баратып өлгөн болсо сөзсүз кучагыбызды жайып тосуп алышыбыз керек, - деди Нурманбет.

- Садага болоюндарым, бизди кечирдиңерби? - Токтокан буркурап жиберди, эки уулу эки жагынан кучактап калды, - Канча жыл бою жүрөгүмдү өйүгөн азабым да, арманым да ушул жара эле, - деп үчөө тең ыйлап турду. Сырын ачык айткан Токтокан камынып Кубаттын үйүнө жөнөдү. Калманбетке машинасын айдатып алып кеч күүгүмдө алардыкына жетишти. Күүгүмдө кирип келген Токтоканды тааныбагандыктан Кубат менен Гүлсара жакшы кабыл алды, Гүлсара түкшүмөлдөп тааныганы менен так биле албады.

- Келгиле, келгиле, - деп төргө өткөрдү.

- Келдик эже, айып этпеңиздер.

- Эмнеге, үйгө келген кишини айып көргөн кыргыз элинде салт жок сиңдим, - Гүлсара күдүктөнө: "Адинайга куда түшкөнү келди бекен, баласын кимге окшоштуруп жатам, же бир жерден көрдүм бекен", - деп ойлонуп чай куюп сунду, Кубат унчуккан жок.

- Эже, менин келгенимдин жөнү, - Колдорун ушалай бүткөн бою калтырап турду, - Эже, Алманбеттин кайда экенин билгим келет…

- Неге? - деди Кубат ошондо гана, - Ал азыр шаарда!

- Ооба-ооба, ал шаарда, неге аны сурадың сиңдим?

- Эже, аке мени кечириңиздер, мен анын энесимин! - дегенде Гүлсарынын колундагы чыны түшүп кетти, жамбаштап жаткан Кубат өйдө болуп отуруп саамга үй ичин өлүү тынчтык өкүм сүрдү.

- Ошондой де? - Кубат көптөн кийин Токтоканга карады, - Ушунча жыл өз балабыздай карап өстүрдүк, ошондо неге кабар албадың?

- Айып менде, чынында ал бала менин жүрөгүмдөн күнү-түнү кеткен жок, бассам-турсам ойлонуп көргүм келди, сиздин айтканыңыз туура, аны таштаган энелик укугумду өзүм жоготтум, эми анда акым жок деп ойлогонмун, бирок анын сиздерди капа кылып, эмгегиңиздерди актабаган адам болуп сүрүлүп калганын укканымда жүрөгүм жарылып кете жаздады, ал баланын биздин күнөөбүздүн запкысын тартып калганын сездим, жаман болсо да бала эне үчүн бала экенин тана албадым, кечириңиздер мени…

- Туура айттың, уулумду биз дагы жакшы көрүп, жаманын жашырып келе жатабыз, анын адегендеги күлгөнү, талпынып кубанычка бөлөгөнү, тамтуң басып тай-тайлаткан мезгили биздин көз алдыбыздан кетпейт, эгерде тартипсиз болсо өз канымдан жаралган бала болсо да жазалоого даярмын, - деди да Кубат Калманбетке кайрылды: - Уулум сен чыга турчу, мен апаңа бир нерсени айтуум керек.

- Макул аке, - Калманбет сыртка чыгып кетти.

- Алманбеттин адам болушун гана кааладык, канчалаган аруу тилек менен өстүрдүк, жаман айтып, кир кийим кийгизбедик, бирок… - Кубат Токтоканга тике карап болгонун айтып берди, - Балаң укса агасынын айбандыгын угуп жээрип калбасын дедик, көрбөй туруп жаман сөз укса андай адамды жүрөк жылып тосуп алаарына көзүм жетпейт, кеткени кабары жок, шаарда иштеп жүргөндүр, жетээрлик акча бергенбиз, - деп унчукпай калды, бул арада эки аял үнсүз гана көз жаштарын төгүп отурушту.

- Мени кечириңиздер, биз кайталы, Алманбет табылса бир келишим бар, аман туруңуздар, - деди да Токтокан сыртка карай жөнөдү, жүрөгү мурункудан бетер сыздап: "Курган жаным, Айдарга анын аман экенин неге айттым экен, анда тирүү калат беле, кокус өз колубузда өссө мындай болбос беле, аттиң арман, эми уулумду таап кайрадан адам кылып тарбиялай аламбы, болгону жыйырма беш жаш, болгону…", - деп унаасына отуруп төркүнүнө дагы кайрылбай үйүнө жөнөштү.

- Апа, аны шаардан кантип табабыз? - деди Калманбет.

- Издесек табабыз.

- Сүрөтүн алып алганда болмок.

- Аа-а курган жаным, кайрыл артка, - деди Токтокан кайраттуу үнү менен. Алар кайрылып келгенде Кубат сыртта жүргөн, өздөрү менен түшкөн бала кездеги, түрмөдөн келгенден кийинки эки сүрөтүн алып кайра жөнөдү. Үйүнө келгенден кийин бир жума өткөрүп өзү шаарга жөнөдү, сүрөтүн көп чыгартып издөө салып ар кайсы жерлерге илди, анын мусаапыр болуп калганы эсине да келбеди. Бир ай жүрүп анан кайра кетти…

Кубаттын ичи уйгу-туйгу болуп Гүлсара экөө үн сөзсүз отурушту, кимиси үн катып сөз баштаары белгисиз, түн болуп жатаар мезгил жетсе да экөө эки жерде соксоюп отура беришти. Оо бир оокумда гана Кубат терең деп алып:

- Ушундай болот экен эртерээк келсе эмне? - деди.

- Ооба, бизге дагы жек көрүнбөй эки үйдүн ортосунда жүрмөк.

- Пешенесинен көрсүн.

- Аттиң…

- Өзүңдү кыйнабасаңчы.

- Кыйналып бүткөнүм качан.

- Сен мен үчүн керексиң Гүкү, Адинайыбыз турат, ал бизди капа кылбайт.

- Бир күнү ал дагы апамды таптым, кечиргиле деп кирип келсечи?

- Аны дагы түшүнүүгө туура келет, баарына өзүбүздү даярдап турушубуз керек Гүкү.

- Мен сага ыраазымын Куке, отуз беш жылдан бери сезимиңди өзгөртпөдүң, атымдан айтпадың, балалуу болбодум деп кейип жүрөгүмдү оорутпадың, кандай гана көл адамсың? - деди үнү дирилдей Гүлсара.

- Биз сүйүүнүн кулу болдук, туу туттук сүйүүнү, сен жакшы аялсың, сага жаман айтмак тургай жүрөгүңдөгү кайгыны алып салсам дейм, бирок ага кудуретим жетпеди Гүкү.

- Аскар то-ом менин, - деп Гүлсара ый аралаш күлгөн болду, - Ачык айтпасам дагы өмүр бою сенин көңүлүңө кир калтырбасам экен деп аярлап келем, - дегенде Кубат ага жылып келип жакын отурду да колунан аяр кармалады.

- Асыл жансың, жакшынын бир жери кем дегендей, сен дүйнөдө менин жарым болгонуң да жеткен бакыт Гүкү, - деп колун өпкөндө Гүлсара анын ийинине башын жөлөп алып дагы көпкө телмирип отурушту, ошол калыбында уктап кеткен экен таң атып калгандыктан эшикти бирөө такылдатып жатканда ойгонуп кетишти.

- Ким болду таң заардан? - деди Гүлсара.

- Көрөбүз да, - деп Кубат сыртка чыкса коңшусу Кубаныч экен, - Кел-кел, кайдан эртелеп?

- Куке, бир иш болуп калды.

- Жайчылыкпы деги?

- Жайчылык эле, бирок...

- Кир-кирчи үйгө, - Кубат аны ичкери киргизди, - Жайыраак айтчы, эмне сөз?

- Куке, мен шаарга барып келбедимби, Алманбет...

- Эмне, ага бирдеме болуптурбу?

- Жок-жок, бирок ал акыл эсин жоготуп коюптур!

- Эмне дейсиң, кайдан көрдүң?

- Кудай ай, эмне болду экен? - Гүлсара чыйрылыктап ийди.

- Базардан көрдүм, - Кубаныч көргөнүн айтып берди, - Кызык, мен аябай таңгалдым, эмне дээримди да билбейм, азыркыга чейин ишене албай турам.

- Алда кагылайын ай, кандай күнгө кабылды экен кокуй?

- Болду Гүкү, табабыз аны, - деди Кубат токтоо, - Балким жаңылыштык болуп жаткандыр, окшош адам боло берет эмеспи, - деп тынчтандырды, Кубаныч өзүн ыңгайсыз сезди.

- Мен дагы окшоштуруп алдымбы деп ойлодум, бирок Алманбетти кантип тааныбайын, тырмактайынан көрүп жүрөм го?

- Мейли Кубаныч, бизге айтып койгонуң жакшы болду, эртең экөөбүз тең чыгабыз, ансыз дагы шаарга кеткени жаткан элек, - деди Кубат:

- Куке, айтпай кое албадым, эгерде туура эмес кылган болсом мени кечирип койгула, ылайым эле ал болбой калсын, - деди да шашыла чыгып кетти. Кубат менен Гүлсара эртең мененки чайын ичкенди унутуп дагы эки жерде томсоруп отурушту. Алар мал-салын инисине тапшырып коюп Адинай окуусун бүткөнчө шаарда болууну чечишкен, үйүнө жакын тууганын уул-келинин киргизмек. Шашыла даяр акчасын алып алышты да шаарга жөнөп кетишти... Адинай мектепти алтын медаль менен бүтүп окууга кирген, бош убактысында базар кыдырып өз апасын издечү, канчалык аны эстебейин десе да көз алдынан апасынын өзүн коргоп күйөөсүнөн таяк жегени, өзүн коргоп ортого түшө калганы кетпей кыйнала берчү: "Мен аны тааный аламбы, он жыл өтүптүр, анда мен алты жашта элем", - деп ойлоп көздөрү аялдардан өтүп издей берчү. Ошол күнү дагы базар ичине дагы келген, капысынан Алманбетти көзү чалды. Эч нерсе менен иши жок эки-үч баклашканы бооруна кысып алып бирдемени сүйлөп кетип жатканын көрүп селдээ туруп калды. Ал жанынан өтүп баратып:

- Мен киммин, мен киммин? - деп баратты, бир кездеги жек көрүү сезими жоголуп боору ооруп кетти:

- Алман аке, Алман аке! - деп элди аралай жүгүрүп жетти, - Алман аке, эмне болду сизге?

- Алман, - Алманбет Адинайды токтоп карап калды да, - Алман, Алман деген ким эле, мен аны тааныймбы? - Ооба-а тааныйм, ал алыска кетип калбадыбы? - деди да басып жөнөдү.

- Алман аке, эсиңизге келиңизчи, эмне болуп калгансыз? - деп жеңден тартты эле, ал ыржая күлүп коюп:

- Алман, Алман ал ким эле, мен билбейм, тааныбайм Алманды, - деди да кетип калды. Адинайдын көздөрү жашка толуп: "Ушунун баарына мен гана күнөөлүүмүн, эмне болгон буга, балким атамдар мен үчүн кууп чыкканга капаланып жүрүп өзүн жоготуп койгондур, эми эмне кылам, жатаканага алып бара албайм", - деп ойлонуп Кубаттын телефонун терип Алманбет кеткен жакка жүгүрүп телефонду кулагына тосуп баратса колунан бирөө жулуп кетти, артына бурулуп агылган элдин ичинен ким алып кеткенин билбей каякка жүгүрөөрүнө көзү жетпей туруп калып Алманбетти жоготуп алды. Жатаканасына келгиче ыйлап келди, ал анын ошол абалга келип калганына өзүн гана күнөөлүү сезип ыйлай берди. Жатаканада чогуу жашаган Лира анын ыйлап жатканын көрүп жанына келди.

- Сага эмне болду Адинай?

- Эчтеке, телефонуңда бирдигиң барбы?

- Бар керекпи?

- Ооба, атам менен сүйлөшүшүм керек.

- Өзүңдө бирдик жок беле?

- Жоготтум...

- Аа-а, ошого ыйлап жатасыңбы, жаман болуптур, - Лира телефонун алып келип берди, - Телефонум жоголду, акча салгыла, дегиң келип турат го? - Лира күлө карады.

- Ооба, - деди да Кубаттын номерин терди, көп күттүрбөй эле үнү угулду:

- Ало, ким бул?

- Ата, ата мен Адинаймын.

- Кызым эмне болду, үнүң башкача тынччылыкпы деги?

- Мен жакшы элемин ата, мени кечириңиздерчи, баарына мен гана күнөөлүүмүн ата! - деп ыйлап жатты Адинай.

- Эмне дейсиң кызым, күнөөлүүмүн дегениң эмнең, эмнеге ыйлап жатасың, түшүндүрчү кызым.

- Ата, Алман акем үчүн кыйналып жүргөнүңүздөрдү билем, анын абалы өтө жаман, мындан ашык айта албайм, - Буркурап ийди, - Ага жардам керек ата!

- Ыйлаба кызым, эртең барып калабыз, телефонуңду өчүрбө.

- Телефон жок ата, ушуга чалыңыз, - деди да телефонду өчүрдү.

- Болдубу? - деди Лира.

- Ооба, сабактан кийин эртең сен экөөбүз атамдарды тосуп алалы ээ?

- Макул.

- Уктайлы анда, - деп ордуна жаткан Адинайдын көз алдында бүгүнкү Алманбеттин элеси туруп алды: "Неге ушул абалга келди экен, чын эле ал мени жакшы көргөндүр, ата-энебиз бөлөк боло берет дебеди беле, сүйүүдөн жинди болуп кетиши мүмкүнбү, эми кайдан табабыз, кармап калганда болмок", - деп ойлоно берип түнү бою уктаган жок. Эртеси сабакта дагы дакшы отура албады, сабактан чыгып эле Лира экөө автовокзалга келип күтүп жатышты, түш оой Кубат менен Гүлсара келип калышты. Жатканага чогуу келгенден кийин убактылуу турганга жай издеп чыгып анан чайканага кирип отуруп ошол жерден сүйлөшүштү.

- Ата, апа мени кечирип койгула.

- Кызым, сенин эч кандай күнөөң жок, жакшылап түшүндүрчү.

- Мен аны кечирдим ата, аны үйгө алып кетпесеңер болбойт, акыбалы аябай жаман, акылын жоготуптур, өзүнүн атын билбейт, тез арада таап алып ооруканага жаткырыш керек, - деди ыйлап отуруп.

- Кагылайын ай, өзүңдү күнөөлөй бербечи, издеп таап дарылатабыз, сен өзүңдү кыйнабай сабагыңды окуй бер, - деп Гүлсара аны соороттту.

- Аны милицияларга, гезиттерге берели, тааныгандар чалсын үчүн менин телефонумду берели, жок дегенде дарылаталы, - деп Кубат өзүнүн оюнда өзүн күнөөлөп жатты. Алар Алманбеттин сүрөтүн милицияга берип арыз жазышты, жоголгондугу тууралуу издөө салып эки-үч гезитке беришти, базарларды кыдырып жүрүп Токтокан илген жарнаманы көрүп телефонун алып чалды Кубат.

- Ало, - деди Токтокан телефонун алып, - Ким экен?

- Мен Кубат, Алманбеттин абалы оор экен, таба албай жатабыз, силер келе аласыңарбы?

- Сөзсүз барам, эмне болуптур ага?

- Айта албайм, угушумча өтө жаман абалда дейт.

- Эртең барып калам, - деген Токтокан телефонун өчүрүп коюп Калманбетке чалды, эки баласына укканын айтты да эртеси таң ата жолго чыгышты... Марлес Адинай шаарга кеткенде аскерде болчу, бир жылдан кийин келип алып кайсы окууда окуп жатканын билди да дароо эле Бишкекке келди. Университеттин жатаканасынан издеп таап алып жолукмак болду, бул кезде Адинай ата-энеси менен кетип калган эле. Эки-үч күн жолуга албады, ошол күнү Адинай жатканадан кийим-кечесин алганы келгенде Марлес жолугуп калды:

- Кандайсың Адинай? - Күлө карап учурашты.

- Жакшы, - Кыз ага токтоло калды.

- Окууларың жакшыбы?

- Жакшы, өзүңүз качан келдиңиз?

- Жакында келип сенин бул жакта экениңди угуп келдим.

- Рахмат.

- Адинай, мен эми биерде болом, жолугуп туралы.

- Мен жатаканадан кетип жатам.

- Кайда?

- Атамдар биякка келип мен үчүн батир жалдашты.

- Телефонуңду берчи.

- Марлес, менде телефон жок, азыр шашып жаттым эле, - Кетмек болду.

- Сени менен бирге барайын анда.

- Атамдар эмне дейт.

- Көрүнбөйм, ата-энени сыйлашыбыз керек.

- Марлес, жолукканда эмне, баары бир биздин жолубуз эки башка.

- Мен сени сүйөм Адинай, сенсиз жашай албайм, бала кезимден эле жакшы көрөөрүмдү билесиң го Адинай, - деп Марлес кыздын жолун тосту, - Адинай, менден качпачы, мен сени сүйөм!

- Марлес, мен сүйүү сезимине кабыла элекмин, анан да сүйүүнү ойлой турганга убактым жок, мени кыйнабачы, - деп Адинай өтүп кетмек болгондо аны колунан кармап калды Марлес.

- Мен сенден жооп укмайын кетпейм.

- Жооп берүүгө даяр эмесмин.

- Эгерде күт десең күтүүгө даярмын.

- Жарайт, мага убакыт бер Марлес.

- Макул анда, мен сага ишенем, - деп Марлес кыздын колун кое берди, - Эртең университеттен жолугам.

- Макул, мен барайын, - деп Адинай жатаканага кирип кетти, Марлес ары барып далдоого тура калды, кыздын чыгаарын күтүп анын жашаган жерин көрүп алууну ойлоду. Көп өтпөй Адинай чемодан кармап шашыла чыгып аялдаманы көздөй жөнөдү, Марлес акмалап барып автобуска түшкөн кыздын артынан байкатпай кирип ары карап туруп алды, бир нерсеге кыжаалат болгон кыз эч нерсени байкаган жок. Ал Алманбеттин тагдырын ойлонуп жаман абалда жүргөн. Марлес ал түшкөн жерден түшүп калып акырын акмалап барып карап турду. Адинай эки жагын карабастан үйгө кирип кетти. Марлес артына бурулуп кетти. Адинай кирип келгенде Гүлсара ага мээримдүү жылмайып:

- Келдиңби кызым? - деди.

- Ооба апке, келип калдым.

- Садага болоюн, атаң экөөбүз тамакты ичпей күтүп отурабыз, - Эми чогуу ичели кызым.

- Иче бербейт белеңиздер, - Жылмайып койду, ал өмүр бою ушул адамдарга жүрөгүнөн ыраазы, канткенде эмгегин актаарын билбей жүрөт, колунан келсе ушуларга кайгы касирет жолоткусу келбейт, бирок баары тагдырдын колунда экенин жаш болсо дагы сезип калган. Өз тагдырынын башкача бурулуп өзүн төрөгөн энесинен бөлүнүп, чоочун адамдарды ата-эне деп, алардан чексиз мээримди буйруганы ал үчүн белгилүү эле, анткени ал тагдырынын буйругу экенин сезген.

- Кызым, сен окууңдан алагды болбо, Алманды биз издейбиз, - деди Кубат Адинайга, - Сен эч качан күнөөлүү эмессиң.

- Ата-апа, сиздердин Алман акемди жакшы көрөөрүңүздөрдү билем, бирок мен сиздердин кыйналып жүргөнүңүздөрдү сезип эки-үч жылдан бери мен да кыйналып жүрдүм, анын бул акыбалга жетээрин эч каалаган эмесмин, ойлобоптурмун дагы, ушул убакка чейин өзүмдү күнөөлүү сезем, кыз болуп жаралып калганыма.

- Андай дебе кызым, сенин кыз бала болуп бизге кабылганыңа биз кубанабыз, сени экөөбүз тең жакшы көрөбүз кызым, - деди Гүлсара.

- Биз сендей кыздуу болгонубуз үчүн сыймыктанабыз кызым, - деп Кубат Гүлсараны карады, анткени алар Адинайга апасы жөнүндө айтууну чечишкен эле, - Биз сенин бактылуу гана жүзүңдү көргүбүз келет, ал үчүн сага биз жакшы мээрим төгө алдыкпы, жакшы тарбиялап татыктуу тарбия бере алдыкпы, балким жүрөгүңдү өйүгөн санааң барбы ошону билели дегенбиз.

- Ооба кызым, - деди Гүлсара, сүйлөгөнгө камынган Адинайды сүйлөтө койбой, - Биз сени таарынтып албасак экен, - Ойлоно түшүп, бир саамга унчукпай калып анан кызына карады, - Сенин өзүңдүн апаң бар экенин айтканың эсибизде, сен өтө зирек кызсың, эгерде ошол өз энеңди тапкың келсе эч тартынба, биз каршы эмеспиз, апаң менен бир туугандай катышалы, таанышып көңүлүн алалы, - деди Гүлсара.

- Ошондой кызым, ала кушту атынан айт, дегендей биз сени өзүмчүлдүк кылып өз энеңден бөлгүбүз келбейт, - деди Кубат.

- Ата-апке, мен сиздерге кан жаным менен ыраазымын, өз энем бере албаган мээримди, жакшы жашоону бердиңиздер, эмгегиңиздер көп менде, сиздерден алган таалим тарбия мени адамдарга боорукер болууну, кечиримдүүлүктү үйрөттү, сиздер үчүн сыймыктанам жана чексиз бактылуумун, колумдан келсе сиздерди сыйлап алууга аракет кылам, өз энем экинчи маселе, ал барбы жокпу биле албайм, балалык сезимимде, көз алдымда мен үчүн чыркырап ыйлап, мени коргогон аял турат, ал адам апама мен жоголгондон кийин эмне деген күн көрсөттү билбейм апке?! - деди кыз жашын мөлт эттире Адинай.

- Капаланба кызым, эгерде апаң табылса биз жардам беребиз, бу тирүүдө барыңды бөлүшүп жашоо кеменгердик деп ойлойм, ач көздөр канча дүнүйө мүлкүн басып жатып, башкага же балдарына ыраа көрбөй эчен жылдап тоо ташта калган, анчалык көпөс болбосок да жетээрлик байлыгыбыз бар экенин билесиң кызым, сен кайгырбай окууңа көңүл бөл, билим алсаң бүт дүйнөнү көрүүңө болот, акылың бар кызым, ар кайсыны ойлоно бербей окууңду гана ойлон.

- Ыраазымын ата.

- Каралдым десе, - Гүлсара жалынып алды. Кубат таң аткандан кечке чейин базардан, көчөлөрдөн издеп, адамдардан сураштырып эч дарегин биле албады, көргөн билгендер: "Ооба жүргөн, бирок көптөн бери көрүнбөй калды", - деген жоопторду берди. Телефон аркылуу байланышып Токтокан уулу менен келип калды, бирок эч кандай дареги билинбеди…

Алманбетке адамдар боору ооруп тамак-аш, акча менен кийим-кече берсе аны пайдалана алчу эмес, үстүндөгү кийимин алмаштырганга жарабай ар жерге таштап, акчасын эсептебей эле тамак-ашка берип жүргөнүн байкаган көчө адамы аны өзүнүн жаткан жерине алып барып карап жүрдү, тамак ашты өзү алып берип акчаларын пайдаланып кечинде жаткырып койчу. Бир күнү көпкөн эки бала шылдыңдап ага арак ичирип коюптур, баса албай же жашаган жерин таппай жолдо катуу жыгылып бутун сындырып алган экен ошол адам карап жатты. Себеби анын пайдасы тиет деп ойлогон, ооруканага алып барганда эч ким карабасын билет, улам кыш жакындап келе жаткан сайын коркуп: "Муну убактылуу болсо да пайдаланышым керек", - деп ойлонуп бир араба тапты да бутуна шак-шак коюп таңып жолго отургузуп өзү ары-бери басып көзөмөлдөп турат, элүүлөрдөн өткөн адам эле, аты Жунус болчу. Күздүн суук тарта баштаган кезинде Алманбет ошол жолдон далай акча тапты. Жунус анын бутуна момуя сыйпап карап жатты: "Муну менен жашап кетсе болот, эптеп багайын", - деген Жунус ага жакшылап карап жатты, Алманбет сүйлөбөй да калган, бетинде жаракат бар, шишип да кеткен, аны эч ким танымак эмес, бир кийген кийими менен жүргөн Алманбеттин чөнтөгүндө түрмөдөн чыккан кагазы менен паспорту жүргөн, аны Жунус алып катып койду. Жаны кейигени же ооруганын сезбей да калган эле, бир күнү жолдон өтүп бараткан милиция:

- Бул эмнеңиз байке, бул жерге турганга болбойт, - деди.

- Балам, эптеп күн көрөбүз, кубалабай эле койчу.

- Жок, базарга баргыла, бул жерде болбойт, - деп тургузбай койгондо аргасы кетип базарга алып барды, бирок бул кезде аны көргөн ата-эне да таанымак эмес эле, жанынан өтсө дагы көп кайырчынын бириндей өтүп кетишет. Ошентип ит жандуу өмүр жашоо менен күрөшүп жатты. Токтокан андан таптакыр үмүтүн үзүп салды, ал багып өстүргөн ата-энесинин кызын зордуктаганын уккандан кийин сууй түшкөн, балдарына анын жаман сапатын айтпады: "Айла канча, тиги дүйнөлүк балам болуп кала берсин, тагдырына баш ийбес пенде болмокпу, издеп тапкан күндө дагы менин энеңмин деген сөздү түшүнбөй турган абалда болсо кантмек элем", - деп ойлоп тим болду да он чакты күндөй жүрүп үйүнө баса берген.

- Апа, акемден кабар барбы? - деди Нурманбет.

- Жок уулум, дареги жок, бир жерде жүргөндүр.

- Кантип табабыз, издейм сени деген берүүгө барбайсызбы?

- Ага барганда эмне?

- Таап беришет да, керек деген акчасын беребиз.

- Кереги жок, - деп кесе айтты Токтокан, өз ичинен: "Бекер кылган экенмин, айтпай эле койбой, билбеген бойдон калмак экен", - деп ойлолуп улутуна оор үшкүрүп алып эс ала түштү...

Марлес Адинайга жолугуп, күндө экөө бак аралап басып, келечек тууралуу сүйлөшүшөт, бара-бара Адинай ага берилип баратканын сезбеди, бирок анын жүрөгү түпөйүл, аны алдагысы келбейт, адамдын үмүтүн алдагандан өткөн жаман нерсе жок экенин сезип Марлестен таптакыр качууну дагы ойлоду. Калп айтып көңүлүн калтыргысы келип бир жолугушканда ага минтти:

- Марлес, сени алдап үмүтүңдү улагым келбейт.

- Неге Адинай, биз эми гана жакшылап сүйлөшүп баштабадык беле, эмнеге менден өзүңдү ала качасың?

- Мени түшүн Марлес, мен бир жигитти катуу сүйгөнмүн.

- Кантип, сен али сүйүп көргөн эмесмин дебедиң беле?

- Сени таптакыр үмүтүн үзсүн дегенмин, мындан ары сени алдай албайм, ушундан кийин экөөбүз жолукпашыбыз керек, бул биздин акыркы жолугушубуз болсун, - деди жер карай.

- Жок Адинай, сени көрбөй калуу мен үчүн азап, эч качан сенсиз жашай албайм, менден качпа, - деп Марлес кызды кучактап алды, - Айтчы Адинай, мени таштабайм дечи?

- Марлес, сен мени жөн эле кыйнап жатасың, эгерде билсең артыңа карабай качасың, ошондуктан менин кайгылуу тагдырымды укпай эле койчу, - Адинай терс бурулду, - Жүрөгүмдөгү арманымды козгоп, жарамдын картын сыйраганда эмне...

- Анчалык кандай арман болуусу мүмкүн Адинай, сен мени жөн эле өзүңдөн алыстатып жатасың го? - Марлес жалдырай карады.

- Жок Мрлес, менин арманым өтө кыйын, айтуума дагы оозум барбайт, - деп Адинайдын көзүнөн жаш куюлуп кетти:

- Мынчалык муңайбачы Адинай.

- Сен муңаюуга аргасыз кылып жатасың Марлес.

- Кечир мени, бирок мен сенден баш тарта албайм.

- Мейли анда, сен мени угуп тур Марлес, ошол кезде жүрөгүм кандай сыздап миң сан бөлүнүп канаган болсо, азыр сен ошол канаган жүрөгүмдүн жараатын ырбатып, картын сыйрып көңүлүң муздагандай болсун, - деген Адинай ата-энесин аяп туруп, Марлести көңүлү калсын деген ойдо калп айтууга аргасыз бир калпты ойлонуп тапты, Угуп тур Марлес, - деди терс бурулуп, - Мени сүйөм деп бир жигит артымдан жүгүрүп жүрдү, мен дагы аны сүйүп калганымды сезип жолугуп жүрдүм, акыры бир күнү экөөбүз жолугуп бак ичинде түн бир оокумга чейин отурдук, жалынып жалбарды, анан ал мени…

- Эмне зордуктадыбы? - Марлес кыздын маңдайына келип карыдан ала булкуп жиберди, - Ушул чынбы Адинай?

- Ооба, - деген Адинай көзүнүн жашы төгүлө башын ийкеп көзүн жумуп Марлестен бошонуп басып кетти.

- Адинай токто, мен сени баары бир сүйөм, балалык сезимим, аруу-таза жүрөгүм менен сүйгөмүн, сенин күнөөң жок Адинай! - деп Марлес анын артынан жүгүрдү, Адинай ал жеткенче унаага түшүп кетип калды, жүгүрүп жетпей калган Марлес жерди тээп алды, - Ал Адинай, Адинай, мени жинди кыласың го? - деп андан ары агасынын үйүнө жөнөдү, Адинай унаа менен үйүнө келди, Кубат менен Гүлсара жок болчу, алар айылга кетишкен, мал сатып алып келип соода кылганга камок сатып алмак болуп кеңешип, ал тургай үйүн сатууга коюп биротоло шаарга келүүнү чечишкен. Адинай үйгө келип ыйлап-ыйлап алып анан кардынын ачканын сезип чай ичмек болду, плитага чай коюп апасы даярдап койгон тамакты ысытып ичип сабагын даярдоого киришти, бирок башына эч нерсе кирбей турганда ага Лира телефон чалып калды:

- Алло Лира, кандайсың?

- Жакшы, өзүң эмне кылып жатасың?

- Сабак даярдамакмын, сен мага келбейсиңби?

- Неге?

- Мен жалгызмын, атамдар айылга кеткен.

- Андай болсо барам.

- Күтөм, - деп телефонун өчүрүп ойлуу отуруп калды: "Марлеске өзүмдүн кыз эмес экенимди айтканым туура болду, андан кийинки чечимди өзү кабылдасын, артымдан ээрчип сүйөм дегенин коюп, таптакыр жоголуп кетээр, ошонусу жакшы, баары бир кийин өкүнүп калганча ачыкка чыгып алганым дурус болду", - деп ойлонуп жатканда Лира келип калды.

- Кандайсың?

- Жакшы, - Экөө өбүшө учурашты.

- Такыр көрүшпөгөндөй болдук го? - деп Адинай күлүп ийди, - Күндө көрүшүп турсак дагы.

- Ананчы, биз бири-бирибизди жакшы көргөн жакшы көргөн ынак достордон эмеспизби, - Лира дагы ага күлө карады.

- Жигитиң экөөң кандайсыңар?

- Сонун, ал мени үйлөнөбүз деп шаштырып жатат.

- Качанкыга?

- Качан болсо, мен макул болгон күнү.

- Бактылуу бол курбум, Жанат жакшы бала, каршы болбой эле кой, өзү милиция болгон соң сени ар дайым коргоп алат, - деп күлүп калды, - Ар качан коопсуз болосуң да.

- Анысы го мейли дечи, ата-энеси жок экен, агасынын үйүнө алып барам дейт, эгерде менин атам анын жетим экенин укса эч качан макул болбойт, ошондон корком Адинай.

- Неге, жетимдер адам эмес бекен?

- Атам ошондой киши мен сага айткан эмесмин, - Лира бир аз ойлоно калып сөзүн улады, - Атама таарынып үйдөн чыгып кеткенмин, апам байкушту аяйм, биз эки кыз үч бала болуп беш бир тууганбыз, агаларым үчөө тең үйлөнгөн, үчөө чет өлкөнүн үч жагында, үй-бүлөөсү менен окуп жатышат, эжем турмушта, коллежде сабак берет, мен эң кичүүсүмүн, - деди Лира.

- Жатаканада жөн эле жүрөм дечи?

- Ошондой, - Күлүп койду.

- Ата-энеге таарынганың болбойт Лира, - деди Адинай кабагын чытый, - Ата-эне жаман болсун дебейт.

- Билем садагасы, - деп күлдү Лира, - Баарын түшүнөм, эгерде менин ордумда болсоң сен дагы ошентмексиң.

- Ошончолук кандай себеп?

- Өтө оор, аны айтпай койсом жарылып кетчүдөймүн, менин атам чоң кызматчы, бизди эч нерседен кем кылбай бакты дечи, ал тургай азыр кызматчы жалдайбыз, апам үйдө кийип-ичип, машинада чалкалап жүргөнү менен өтө бактысыз экенин кийин билдим, ошого дагы болбой атам байлыгына чиренип жаш кызга үйлөнөм деп апамдан уруксат сурап, ажырашууга кол кой, бирок мен силерди таштабайм, келип-кетип турам, законсуз жаш аял менен жашоого болбойт, анын боюнда бар дептир да.

- Ай-ий, ошондой дегин?

- Ооба, ошондуктан атамды кечирбейм..

- Апаң эмне деди?

- Ал макулдугун берип коюптур, бирок өзү кыйналып күнү-түнү ыйлап жүргөнүнөн сурап билип албадымбы, ошондон кийин атам чет өлкөгө ошол жаш аялын алып кетип калган, мен кайра апама барып алдым.

- Демек азыр апаң менен экенсиң да?

- Ооба, апамдын жанындамын.

- Жакшы болуптур, турмушта баары болот экен да ээ?

- Болот экен курбум, атам чынында байлыкка, кызматына чиренди, башка балдары анын жаман жагын сезбейт, кайра анын арты менен максатына жетип дүйнө жүзүн көрүүгө ашыгышты, мен ага чыдай албадым, карапайым адамдардай таза жана өз эмгегим менен жашагым келди Адинай.

- Мен сени тандаганда жаңылбапмын, менин ушундай жүрөгү таза курбум барына сыймыктанам, - деп Адинай күлүп койду.

- Менин оюмча Жанат мени сүйбөйт, ал менин атамдын байлыгын, колдоосун күтөт, кызматынан пайдалангысы келет Адинай, мен анын көздөрүнөн сүйүүнү көргөнүм жок, - деди Лира ызалуу, - Мен андайды каалабайм.

- Кантип Лира, Жанат ошондой бекен?

- Мен ошондой сезем, чын сүйүүнү мен андан сезе албадым Адинай, анткени агасы эптеп окутуптур, жетим болуп өсүптүр, анын карьерасына атамдын колдоосу сөзсүз керек экенин билдим.

- Кызык, неге адамдар ар түрдүү, неге мансапты сүйүшөт, байлыкка жеткенден кийин кечээкисин унутуп бей-бечараны көзүнө илбей шакабалап, басмырлашат, - деп Адинай дагы ойлуу Лирага карады, - Өзүң аны сүйөсүңбү?

- Мен сүйгөнүм, анын ой-максатын билген соң жүрөгүм муздап калды, демек бизде сүйүү жок, мен анын жылтыраган жүзүнө гана азгырылып жүрсөм керек, эгерде Жанат мени чындап сүйгөндө балким ага берилип кетет белем, ушундайда арабызды ачып алалы десем болбой жатат, - деп Лира сырын курбусуна айтып бугун чыгарып отурду. Эртеси ээрчише окуу жайга келишти, декан Лираны чакырып алды:

- Абазова, сени окуудан чыгарууга туура келет.

- Эмнеге агай?

- Ошондой, калганын атаңдан сура.

- Атам менин окуума неге киришет?

- Аны билбейм, Абаз Сурабалдиевич ошондой деди.

- Агай…

- Жок, мен кызматымдан айрылып калгым келбейт, - деп декан Адамович кагаздарын караган болду.

- Телефон чалып көрөйүнбү агай?

- Кол телефон менен чалды.

- Кечиресиз, - Лира сыртка чыгып кол телефонунан атасынын номерин таап басты, - Жо-ок ата, сен мени мындай калтыра албайсың, - деп алды да атасынын үнүн укту, - Ата, сен менин өлүмүмдү каалабасааң өз ордумда калышыма каршы болбо!

- Кызым, эгерде мени уксаң сени Малайзияга окутам.

- Эч кайда барбайм!

- Неге, дүйнөдөгү эң кооз жерди көргүң келбейби?

- Жок, мен карапайым элдин ичинде жашагым келет, эгерде окуума тоскоол кылсаң мен тоого кетип бир койчунун аялы болуп кете берем, биз бири-бирибизди тааныбайбыз, - деди да өчүрүп салды. Аваз Сурабалдиевич кайра-кайра чалды эле албай койду, бир кезде декандын кабинетине кирип барды да телефонун алды, - Эмне керек ата, мен айтып бүттүм, сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок! - дегенде Аваз шашып калды:

- Өчүрбөй тур Лира, окуй бер кызым.

- Эми кереги жок!

- Токто эми, окууңду окуй бер кызым.

- Болуптур, бирок ата, мага сиздин көмөгүңүздүн кереги жок, адал эмгегим менен жашай алам, - деди да Лира телефонун өчүрдү, декан Лираны карап башын чайкап турганда анын телефону чырылдады.

- Алло, угуп жатам Аваз Сурабалдиевич, жа-арайт-жарайт, Лира менин жанымда турат, кызыңыз абдан чечкиндүү экен, эр жүрөк дагы, чамасы сизди тарткан го, ооба-ооба, айтканыңыздай болот, жакшы жүрүңүз, - деп трубканы коюп анан Лираны карады, - Азамат, бир званок менен биз сестенген абройлуу адамды бөйпөңдөтүп койдуң го? - деди жылмая карап.

- Рахмат сизге агай, мен бара берсем болобу?

- Албетте, сабагыңды уланта бер.

- Рахмат, - деп Лира чыгып кетти.

- Кайран Аваз Сурабалдиевич, канчаны зыкылдатып, көзүнөн заар чачыраткан адам болсо дагы чымчыктай кызынын алдында биз катары болуп бөжөңдөп калганын кара, балаң кургур ата-энени да коркутуп өз каалаганына жетет, - Башын чайкап өзүнчө ийин куушура ойлонуп отуруп калды. Лира окуу жайдан Адинай экөө чыгып келе жатып:

- Адинай, бүгүн менин апам менен тааныштырам, биздикине барасың.

- Лира, мен үйгө эле бара берейинчи.

- Жок-жок, менин атама караганда апам алтындай киши, көрөсүң го, ал сени жаман ойдо калтырбайт, - деп болбой жатып үйүнө алып бармак болуп баратканда жанына Марлес жетип келди.

- Кандайсыңар кыздар?

- Жакшы.

- Жакшы.

- Адинай, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Биздин сөз бүткөн, түшүнөөрлүк кылып айткандай болдум эле го Марлес, - деди Адинай кабак чытый.

- Адинай, мен өз чечимим менен гана жашайм.

- А мен өз чечимимде турам.

- Адинай, мен тигиндейден күтөм, - деп Лира ары басып кетти.

- Мен сени сүйөм Адинай, сенде күнөө жок, мен сенин өзүңдү сүйөм, сенсиз жашай албайм, сен макул десең алып кетем Адинай, - деп Марлес Адинайдын маңдайына тура калып колдон алды, - Күт десең күтөм, сен эмне десең ошого макулмун, суранам Адинай, - деп Марлес тизээлей калды, - Сүйүүмдү кабыл алышыңды суранам!

- Марлес, тур өйдө, эл угуп, көрүп жатат, уят эмеспи, - Адинай жүзү кызарып эки жагын карап кызык абалда болуп кетти.

- Сен убадаңды бермейинче мен турбайм!

- Эмне дешим керек?

- Мени сүйөөрүңдү айт, мындан ары качпайм де!

- Болуптур, тур тезирээк, бол эми, - деп Адинай күлүп эки жагын караса студенттер жардана карап турушуптур, - Бол Марлес, тур өйдө.

- Сен сөзүңдөн танбайсыңбы?

- Жок, танбайм кудай жалгагыр турчу.

- Болуптур эми, - Күлүп туруп Адинайга кайрылды, - Менин сенсиз жашай албасымды билип кой Адинай.

- Билдим-билдим эми, - Күлүп оозун басты, - Азыр бара бер, эртең бактан жолугабыз ээ? - деди шыбырай, - Азыр менин зарыл жумушум бар, мени туура түшүн.

- Жарайт, эртең күтөм, - деди да Марлес ары басып кетти.

- Адинай, сен азамат экенсиң, ушунчанын ичинде чөгөлөттүң го бир жигитти, - деп жетип келген студенттердин ичинен курсташы ага жылмайды, - Кыздар кыйынсыңар ээ?

- Адинай жигиттердин башын айлантканга маш, - деп коюп бир кыз ары басып кеткенде Лира:

- Колуңдан келсе айлантып көрбөйсүңбү? - деди анын артынан.

- Тим кой Лира, жүрү кеттик, - деп Адинай Лираны колтуктай басты, - Эмне кыласың жаман көрүнүп.

- Ошонун айтканы жакшыбы анан, көрө албагандан айтып жатат да, - деп Лира жинденип алды, экөө Лиранын машинасына отуруп үйүнө жөнөштү, Жумагүл кызы менен күйөөсүнүн келише албай жүргөнүнө ичинен кыжаалат болуп жүргөндө Аваз жаш аялы менен чет элге элчиликке кетип калганда Лира өзү келип калып кубанып кетти. Аваз Жумагүлгө баарын түзүп берип, атайын заксын бөлдүрүп, астынан өтүп, соттолуп кетпес үчүн баарын бүтүрүп анан кеткен. Лира үйүнө келип токтотту да:

- Мына, биздин үй ушул, - деди күлүмсүрөй карап, - Кана эмесе, куш келипсиң курбум биздин үйгө.

- Рахмат, - деди Адинай унаадан түшүп таңгала заңгыраган жаңыча салынган үйдү көрүп: "Укмуш, ушундай байлыктан баш тартып атасына таарынган курбумдун жан дүйнөсү башкача адам тура, үч кабат үйдө эки гана адам жашаса", - деп суктана Лираны ээрчий үйгө кирди.

- Лира, мен тез эле кетишим керек, - деп эскертти Адинай.

- Ой али кире элексиң го? - деди да босогодон баш багып эле үй ичине үн салды, - Мама, биз келдик! - Ошол кезде кинодогудай дворецтин ичи кең, төр жагындагы тепкичтен сулуучумак, арыкчырай аял түшүп келе жатты, - Мама, зерикпедиңби, мен бир аз кечигип калдым, - деп Лира апасын эки бетинен өбө Адинайга кайрылды, - Бул менин курсташым, аты Адинай.

- Келе гой кызым, - деп токтоо каршы алды ал, - Кел мындай отура гой.

- Саламатсызбы? - деген Адинай креслого отуруп калды. Ошол кезде сол жактагы эшик ачылып бир аял тамак-аш көтөрүп келип үстөл үстүнө коюп, толтуруп жиберди.

- Адинай, өз үйүңдөй эркин отур, - деди Лира.

- Эркин элемин Лира.

- Кана чайга карайлы кыздар, - деди Жумагүл кол жаңсай, - Тамак азыр даяр болот, качан эле айтканмын.

- Эч нерсенин кереги жок эже, тамакка убара болбоңуздар.

- Кызым, Лиранын курбусу болсоң менин дагы кызымсың, эч тартынба, келип турсаң биз кубанабыз, - деди Адинайды жылуу, мээримдүү көздөрү менен карап, - Ата-энең барбы кызым?

- Ооба, - деп Адинай жер карай өзүнүн көз алдында калган апасын эстей: "Менин апам дагы ушундай мээримдүү болсо керек, балким качып кетпесем кандай жашайт элем, мектепке барат белем же алигиче кайыр сурап жүрөт белем", - деп ойлонуп кетти.

- Кызым, ойлонуп кеттиң да, - деди көптү көргөн кыраа аял.

- Жок-жок ойлонгон жокмун.

- Ала гой, тамак келди, сенин келишиң менен, - деп рюмкаларга шампандан куюп сунду, - Лира экөөңөр ынтымактуу болгула, окууңар ийгиликтүү болсун ээ?

- Мен иче албайм эже.

- Эч нерсе болбойт, мындай учурда ар дайым шампан ичебиз, - деп Лира күлүп Адинайга кыстап калды. Көпкө отуруп калышты, Адинай Лирага карап:

- Менин кетүүм керек, - деди.

- Кызым, отура тур, болбосо жатып эле ал.

- Рахмат, мен барышым керек, атамдар келсе таппай кыжаалат болушат, - деп Адинай ордунан турду.

- Мен жеткирип коем, - Лира кошо турду.

- Жо-жок, өзүм эле кетем.

- Адина-ай, өзүм жеткирем дедимби жеткирем, апа биз кеттик.

- Жакшы калыңыз эже, сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын, келип турам, - деди Адинай Жумагүл менен коштошуп.

- Келип тур кызым, - Жумагүл жылмая калып калды. Лира аны үйдүн алдына жеткирип анан кайра кетти, Адинай үйүнө келсе дагы эле келе элек экен, телефон чалып билмек болду. Кубат дароо эле Адинайдын телефонун таанып:

- Алло кызым, - деди.

- Ата, эмнеге кечиктиңер?

- Кызым, бир аз иштер бүтпөй жатат, буйруса эки-үч күндө барып калабыз, өзүң жакшы эле жүрөсүңбү?

- Ооба, жакшы эле, үйдө жалгыз отурам, сагынып кеттим силерди.

- Айланайын сары кызым десе, биз дагы сени сагынып жатабыз, иш бүтсө барып калабыз, окууңду окуй бер кызым, апаң салам айтып жатат.

- Ата, апамды мен үчүн өөп коюңуз, - деди Адинай күлүп.

- Болуптур кызым, жакшы тур.

- Тезирээк эле келгилечи, күтөм ата-апа, - деп Адинай телефонду өчүрүп сабагына киришти, ручкасынын сыясы түгөнүп калган экен чыгып киоскадан алып келип көпкө чейин отурду, эки жагы ызы-чуу, көп адамдар жашаган жерде коркпойт дагы, ичинен илип алып уйкуга кирди. Эртеси кайрадан окуу, күндө ошол, арадан үч-төрт күн өткөндө Кубаттар көтөрүнүп чоң машина менен көчүп келип калышты, алар үйүн саткан эле. Туугандары жакшы эле каршы болду, бирок өздөрүнүн билгисин бербей баса беришти. Жүгүнүн жарымын гана алып келишкен. Бир бөлмө батирге батпай эшикке коюп ороп коюп ичке киришти.

- Ата, эмнеге көчүп келдиңиздер? - деди Адинай учурашкандан кийин.

- Тамды саттык сары кызым, сенин маңдайыңда бололу дедик, антпесе сен окууңду бүткөнчө ойлоно беребиз го?

- Алтындарым десе, бекер кылыпсыңар, Турат акемдер эмне деди?

- Алар каршы болушту, таарынып каттабайбыз дешти.

- Ии-ий, жаман болуптур да, чын эле каттабай коюшсачы?

- Кайда бармак эле, келет эми эле, - деп Кубат күлүп калды.

- Иши кылса таарынбайбы ата?

- Таарынбайт кызым, тууган кечип кеткенин көргөн эмесмин, болгону жашың өткөн кезде шаарга эмне бар деп жатышат да.

- Ооба, алардын айтканы дагы туура, - деп Гүлсара аста сүйлөдү, эртең үй издейм, кыш түшкөнчө үйгө кирип албасак буюмдар кор болуп кетет го, калганын да алып келип алалы, кар түшкөнчө.

- Кабатыр болбо, эртең сатыла турган үй табабыз, - дешип сүйлөшүп жатышты. Адинай ошол күнү негедир бир укмуштуудай түш көрдү, уктап кетип бир чо-оң, бийик үйгө туш болуп кирип барып ичин таңгала карап баратса алды жактагы отугучта ак сакалдуу абышка отуруптур: "Кызым, сени биз күтүп жаттык эле", - деп ары жагын карап койсо аппак кийинген канатуу кыздар учуп келип тегерене учуп жүрүп эле ага байкатпай кийим кийгизип коюшту, чоочуп өз боюн караса аппак көйнөк, этеги жер чийип арты чубалып жүрөт, башында ханышалар кийчү карона, чачы көйнөгү менен тең болуп чубуруп турат, көйнөгүн абай салып караса жылт-жулт этип жылдыздарга окшоп кубулуп туруптур, бир кезде баягы учуп жүргөн канаттуу кыздар кызды көтөрүп жөнөдү, абалап учуп баратканда жерди караса тептегерек болуп айга окшоп көрүнөт, ошол кезде ойгонуп кетти, көрсө таң атып Гүлсара аны сабакка барсын деп ойготуп жатыптыр.

- Тур кызым, сабагыңа кечигесиң.

- Апа-а, кое турбайт белеңиз.

- Кой кызым, кеч туруп ачка кетсең кечигип каласың.

- Со-онун түш көрүп жаттым эле да.

- Кандай түш экен эркем? - Гүлсара чачынан сылап өөп жанына отура кетти, Адинай түшүн айтып келип, тээ бир кезде эркелей апасына:

- Укмуш, бийикке кетип эле баратам, айланамдагы жылдыздар жымыңдашат, эңкейип жерди карасам теп-тегерек болуп айга окшоп туруптур, анан сиз ойготуп жибербедиңизби? - деди таарына.

- Түшүң туш болсун кызым, бактылуу болот экенсиң, периштелер ыкыбалыңды көтөрүп дүйнө жүзүнө каттап бактың ачылат экен, ылайым түшүң туш болсун садагам, - деп чекесинен өөп койду.

- Апа, ошол аппак көйнөгүмдүн этек жагында тегерек кызыл тамчы пайда болот имиш да, - дегенде Гүлсара үнсүз баш чайкап койду.

Кубат, Гүлсара менен Адинай үчөө батирден чогуу чыгышты, Адинай сабагына кетип алар там издемек. Аялдамадагы, радиоузелдеги жарнамаларды окуп телефон номерлерин алып сүйлөшүп кечке чейин үч-төрт тамды көрүп келишти, эртеси эки үйдүн дарегин алып дагы барып көрүштү, бир жумага чейин издеп акыры Сокулуктан табышты эле ага Адинай болбой койду:

- Сиздер атайын мен деп келдиңиздер ата, анан Сокулуктан мен сабакка бара албай батирге чыгуума туура келет ата, андан көрө Ак өргөөдөн же Ала-Тоодон издеп көрөбүз, - деди эле Кубат ойлонуп калды.

- Кызым туура айтат апасы, биз Сокулукта жатып алсак, кызым батирде жүрсө болбой калбайбы?

- Мен дагы Адинайдын айтканына макулмун, кайра издейли, - деп Гүлсара күйөөсүнө карады. Күн бүркөлүп жаан себелеп жатканда радиоузелден шашылыш сатыла турган үйдүн дарегин алышты. Дароо барышса алты сотук жери менен времянкасы бүтүп, чоң үйдүн дубалы бүткөн үйдү алмак болушту, ал Арча-Бешикте экен. Аны уккан Адинай абдан кубанды. Эки күндөн кийин көчүп барып алышты да документтерин бүтүрүп анан айылдагы буюм, тайымын дагы алып келип алышты. Адинай абдан кубанды, чоң үйдүн дубалы кирпичтен бүткөн экен, времянкасы эвро ремонт болуптур, абдан жакшы тургузулган, үй ээси карызынан шашып арзан саткан экен. Арадан эки ай өткөндө Адинайды ала качып кетти, кечке маал үйүнө кычыраган адамдар лексус машиналар менен ээрчише келип токтоп эки адам кирип келишти, кыш суук болгондуктан Кубат менен Гүлсара үйдөн чыкпай отурган.

- Келгиле-келгиле балдар, - деп Кубат тура калды.

- Кулдук байке, кызыңар бизге келин болуп барды эле, - деди салабаттуу кайыш тон кийген, галстук тагынган, норка тумак кийген орто жашаган адам, - Бул торпокту кайда байласын, - деди анан.

- Ыя?! - Гүлсара чоочуп кетти.

- Гүкү, токтой тур, - деген Кубат тигил адамга кайрылды, - Кана жигит, ким дегенге келин болду, кай жерлик экен?

- Байке, министрге куда болдуңуз, өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи министр Узакбай Убайдылдаевич дегенге.

- Менин кызым эч ким менен сүйлөшчү эмес эле, кандайча кокуй, зордоп эле ала качкан го? - деди Гүлсара, - Кубат торпокту байлап келди.

- Азыр, телефондон кызыңыз менен сүйлөштүрөм, - деп телефонун басты да, - Сүйлөшүңүз, - деп телефонду Кубатка сунду.

- Алло Адинай, эмне болду кызым, сага кысым көрсөтүп алып кеттиби? - дегенде Адинайдын капалуу үнү угулду.

- Ата, кабатыр болбогула, баргандарды сыйлап жөнөтүңүздөр, мени кечириңиздер, - деп айтканда Кубаттын үнү каргылдана чыкты.

- Кызым, бактылуу бол! - дегенге зорго жарады, - Төргө өтүңүздөр, Гүкү дасторкон сал кудаларга.

- Алда кудай ай, сүйлөшпөй этпей эле алып кеткени эмнеси? - Күйпөлөктөгөн Гүлсара ыйлап алып дасторкон жаймак болгондо:

- Жүрүңүз байке, ачуу басар дегендерди түшүрөлү, - деп бир күлтүйгөнү сыртка чыгып экинчи машинадан каробка-каробкаларды түшүрүп жатты. Баары он чакты каробка болуп кетти, ичке киргизди эки айдоочу, үйгө киргенден кийин, - Бул ачуу басардын башы, - деп Кубатка конверт сунду, - Мында жыйырма миң.

- Балдар, мен кызымды акча-буюмга алмашпайм, бактылуу болушун каалайм, - деп алып ары коюп койду. Арыдан бери дасторкон үстүн толтуруп, айылдан союп алып келген козунун этинен куурдак жасап коньяк алып келип бузуп кийит кийгизип сыйлап жөнөтүштү. Алар кеткенден кийин:

- Эми эмне болот, кудай сактай гөр, министрдин эрке талтаң баласы кызымды эмне кылаар экен атасы? - деп Гүлсара кабатырлана карады.

- Кудай деп туралы байбиче, кызың сүйлөшүп жүргөн болсо өзү түшүрдүргөндүр да, - дегени менен ичинен кыжаалат болуп турду Кубат.

- Кудай ай, эми эмне болот кудай сактай гөр, - деп тынчсызданып жатты. Кубат андан кийин унчукпады, ойлонуп отуруп телефонун алып Адинайдын телефонуна чалды:

- Кызым акыбалың кандай?

- Жакшы ата, кабатыр болбогула.

- Апаң менен сүйлөшчү кызым, - деп Кубат Гүлсарага берди, - Кызың менен сүйлөш апасы.

- Ало Адинай, акыбалың кандай кызым, ыза кылып коюшпадыбы, өзүң сүйлөштүң беле деги, анан бир көрүп эле ала качтыбы, кудай ай, эми эмне болот сербейген секетиң кетейин ай, макул-макул садага, кудайым түшүңдү туш кылсын, багың ачылсын каралдым, атаң экөөбүз ак батабызды бердик садага, - деп телефонду Кубатка берди, - Ала качып кетиптир, Адинайым эстүү, ошондо эле мен келинмин, кыз эмесмин, күйөөдөн чыккам деп айтыптыр, эмне болсо ошол болсун, мен сага гана үйлөнөм деп болбой коюптур, - деп күлүңдөй карады Кубатты.

- Иши кылып бир туюктан чыккан экен байкуш кыз ай, - деп зээни кейип кетти, - Бул мурунтан ойлонуп жүргөн экен да…

- Жарыгым ай, ичинен сызып жүрүп көп азап чегип, тартынып корунуп келди ушуга чейин, эми кабагы ачылып, жүзүнөн күлкү кетпесе экен, - деп Гүлсара ыйламсырап алды.

- Кабатыр боло бербе, кызыбыздын алгачкы жакшылыгынан ооз тийбейлиби Гүкү, Адинай жаш, сулуу кыз, биздин үмүтүбүздү актап отурат.

- Ырас эле, ырас эле Куке, жүрү өзүң ач ооздорун, - деп калдастай оозгу бөлмөгө чыгышты, каробкалардын ооздорун ачып көрүшүп бири-бирин карап туруп калышты, жер жемиш, мейиз жаңгак менен таттуунун түрү, набат баары бир каробкадан, эки каробка импорт арак экен.

- Гүкү, мен айылдагыларга телефон чалып чакырайын ээ?

- Ооба, чакырбай анан, Гүлкан экөө тең келсин, наркы акемдерди дагы чакыр, баса Куке, менин төркүндөрүмдөн дагы, биердеги эжем Гүлсананы азыр эле чакыр, келип калышсын, - деп кубанычтан калдастап жатты. Кубат адегенде айылдагы ини-агаларына чалды, андан кийин кайнежесине, кайнагаларына чалды. Ар биринен салып келип дасторконго коюп чай ичип отурушканда Гүлсана күйөөсү Турус экөө өз унаалары менен келип калышты:

- Ой силерге эмне болду, шашылыш эле келе калгыла десеңер чоочуп кеттик, - деп Гүлсана сиңдисине карап күлдү, элүү бештердеги балпайган аял.

- Силер жакын болсоңор чакырабыз да, сүйүнчү Адинай күйөөгө чыгып жатат.

- Чыгып жатат эмес, алып кетишти десең, - Кубат Гүлсараны күлө карады, - Кыз болгон соң күйөөгө чыгат да.

- Болсун-болсун, күйөө бала кут болсун, - деп Гүлсана сиңдисин кубанычтуу куттуктады.

- Бажа күйөө бала кут болсун! - Турус Кубатка карады, - Каякка чыкты?

- Шаарда эле экен, ишенип-ишенбей дагы турабыз, министр менен куда болуп бир да дасторкондон чай ичебиз деп ким ойлоптур? - деп кубанганын жашыра албай барбаңдап алып келгендерин көрсөтүп жатты, - Эмнеси болсо дагы өзү бактылуу болсо болду.

- Ооба, барган жеринен бак айтсын.

- Ыйлабаса эле болду эле, кызым өз күчү менен бюджете окуп жатты эле, кызыл аттестат менен келген.

- Азамат, жакшы окуйт тура анда.

- Ооба, сабакты жакшы окучу.

- Кана эже, жезде кыздын ооз басырыгынан ооз тийели, эртең тууган урук келсе кубалап барганга даярданалы, - деп Кубат бир бөтөлкөнү алып келди, - Кызыбыздын биринчи жакшылыгы, ошо кызым бак-таалайдуу болсун, ылайым Гүкү экөөбүздүн тилегенибиз ордунан чыгып ошонун сыйын көрөлү ээ жезде?

- Ооба-ооба, силер дагы тилегиңер кабыл болуп сыйдын үстүндө болгула, - деп бабырашып отурушту.

- Министр болсо өзүнө, андан көрө карапайым жерге барса кең кесир жүрөт беле, эми кызым байкуш алардын жашоосуна көнө албай чүнчүбөсө болду, - Гүлсара кайра асан кайгыга түштү.

- Койсоңчу Гүлсара, жакшы кишилер жакшы эле болот, андан көрө багын тилей бер, - деп Гүлсана сиңдисин жубатты, - Андан көрө тобо десеңер, кимдин эле кызы министрге келин болуп жатыптыр, мындай бакыт кудай буйруганга туш келет.

- Ооба десең эже, Гүкүнүн кейигени болбойт, андан көрө биз кызыбыздын себин ойлошубуз керек.

- Ой алар свадьба кылат чыгар, ошондо эле берчүңөрдү берип кутулуп коесуңар, - деди Гүлсана. Ал түнү эже-сиңди бажалар кыздын ачуу басарын айтып, ичип жеп отуруп кеч жатышты. Эртеси кечке маал Турат менен Гүлкан, агалары Туткуч аялы Зейне, балдары менен келишти, Гүлсаранын агасы келди. Телефон менен сүйлөшүп жатып алар он киши болуп жөнөштү, Кубат менен Гүлсана калмак болду эле келе берсин деп айтышкандан улам алар дагы барышты. Гүлсара кызынын келген жерин көрүп, кийип отурган кийимин, күйөөсүн көрүп көңүлү тынды. Аларды абдан сыйлап, кийит-кечени мол кийгизип жүз миң алдына коюп жөнөттү. Кубат дагы кызына жолукту, жүзүнөн өкүнгөнү көрүнбөгөндүктөн ичинен тынды: "Жашыруун сыр жашыруун бойдон калганы жакшы болду, эми бактылуу болсо болду", - деп үйүнө келгенден кийин иниси менен келинин калгыла деди.

- Гүлкан, бизге жардам бер, көшөгөсүн алып барыш керек, уяттуу жерге уяттуудай барганыбыз дурус го ээ?

- Ооба жеңе, кам санабаңыз, биз турбайлыбы.

- Аке, бекер эле келипсиңер, мына кызыңар күйөөгө тийип кетти, айылда болгондо болмок, - деди Турат, - Кызыбыз окуусун бүткөнчө батирде турбасын деп кышында келесиңер.

- Эмне, жаман там алыптырмынбы, эми чоң үйдү бүтүрүп койсок заңгырап эле калбайбы? - деп Кубат бакылдады.

- Эми өзүңөр билесиңер да, - деген Турат дилинде жактырбаганын билгизди, ал өз ичинен: "Кайсы балаңарга калат, айылда болсо дагы башка эле, заңгыраган тамга канча жыл жашаар экенсиңер", - деп ойлонуп жатты. Чынында Турат агасынын балалуу болбой жүргөнүнөн кападар болчу, бирок алар өтүп кетсе менин балдарым ээлеп калат деген ойдо жүргөн.

Гүлсара дордойго абысыны менен эжесин ээрчитип барып керектүүлөрүн алып кайтышты, үч-төрт күндө төшөк жуурканын жасатып көшөгөнү кымбат адеми материалдан тиктирип баарын даярдап жеңелери менен өзү барып келди, ошондо кудагыйы Жамийла ыраазы болуп кудагыйына мындай деди:

- Кудагый, эмки жумада свадьба өткөнү турат, бекер эле кылыпсыз, убара болупсуз.

Тайкы тагдыр соңу

- Жо-ок кудагый, кызыма бербегенде кимге берем, бул салт кудагый, кыздын ата-энесинин кызына берген сыйы.

- Рахмат кудагый, Нуркан менен Адинай бактылуу болуп, аман-эсен жүрүшсө болду, биздин жалгыз уулубуз, бир кызыбыз бар кудагый.

- Меники ушул эле Адинай кудагый.

- Болсун, Адинайды мен кызымдан кем көрбөйм, - деп Жамийла койдун эти менен бирге толгон тамак аштын алдында коньяк алдырып келди, дүйүм тамак менен аздап коньяктан алып отуруп кеч кетишти. Кайрадан туугандарына телефон чалып свадьба болоорун айтты Кубат, ушул ирээт алар кудайга миң ирээт жалынып отурушту, кыз болсо дагы жакшы адамдарга жанаштырып, ыкыбалы көтөрүлгөн мансаптуу адамдын колунан даам татып отургандарына ыраазы. Алманбетти: "Эне сүтүн татпаган ымыркайда ооз ачып өөп, көз ачканын көрүп, эбедейибиз эзилип бактык эле, эмне кылды, өзү кайда жүрөт, аманбы деги, аттиң алигиче көргөнгө зар болуп, көрүнсө баса калчудай абалда жүрөбүз, көрүнөөр бекен көзүбүзгө, кыш кычырап турат", - деп ичинен сызат Гүлсара. Айпаганы менен Кубат дагы ичинен сызат, уулун күтөт, кээде аны кууп жибергени үчүн өкүнөт, айла канча. Кийинки жумада чоң ресторанда үйлөнүү тою өттү, мен деген чоңдордун баары келди, Адинайдын бактылуу жүзүн көргөн Кубат менен Гүлсара кубанычтан көздөрүнө жаш алып турушту. Кудасы Узакбай абдан жакшы адам экен, Кубат менен кучак жая учурашты.

- Куда, мен эми сизге бир жаңылыкты айтайын, кыз-күйөөңөр жакын арада Малайзияга кетет, - деди бакылдай.

- Неге, Адинай окуусун бүтө элек эле…

- Бүтөт, кам санабаңыз куда, биз турганда бүтпөй кайда барат, Нуркандын окуусу ошол жакта, Адинай кызымды дагы ошол жактан окутуп коебуз, кыскасы аманчылык болсо баары бүтөт.

- Кудай кубат берсин, - Кубат ойлуу бир азга отуруп анан, - жалгыз Адинайды караан бутак кылып көнүп калыптырбыз, байбичем экөөбүз эми аңкыйып калат экенбиз да, - деди.

- Ээ куда, ар бир жаралган пенденин өзү жалгыз, андан көрө ден-соолукта болгула, күйөө балаңар окуусун бүтсө келишет, анан тез-тез барып турушат, андан көрө ырым-жырымды унутпай төркүлөтөлү деп турабыз куда, көп чабылбаңыз, ансыз дагы кыз бала бирөөнүн бүлөөсү деп коет, ресторандан өткөрөбүз дагы Нуркан менен Адинай барат, - деди эле Кубат.

- Куда, биздин дагы салттан сырткары калганыбыз жок, Адинайымдын эми журту силер болуп калдыңар, сыйлаганга кудуретибиз жетет, өз түндүгүмдөн даам таттырам, өзүңөр кошо барасыңар, - деди.

Болду-болду куда, жалгыз кудама каршы турам деп өлө албай жүргөн жокмун, - деп карсылдай күлүп калды. Ошентип эки куда келе турган күнүн белгилеп коштошушту, бул кезде Жамийла Гүлсара экөө сүйлөшүп отурган. Үйүнө келген соң экөө кеңешип катуу даярдык көрүп жатышты, ага-инисин чакырып, жылкы алдырды, самоорлорду кайнатып, казандарга cуу толтуруп эт асып, коңшу-колоңдору жардамга келип, туугандары конок камын көрүп ар кимиси өзүнчө кыжы-кужу, келиндер өзүнчө сөзгө киришип:

- Ой министр келет экен дейби ыя, столду укмуш даярдап жатат го? - деди жаңы коңшу келин Самара.

- Ошондой дейт, бу кишинин жалгыз кызы министрге келин болуптур,

- Укмуш ай, министр деп угабыз, келгенде бир көрөлү, - деп суктана кеп кылып жатышты. Гүлсара үстөл үстүнө жалаң идиштердин адемисин коюп, мадонна чыны чайнектерди койкойтуп коюп койду. Түш оой бергенде эки лексус, бир РАФ машинасы келип токтоп лексустан Адинай менен Нуркан түштү, дал ушул учурда өз сүйүүсүнө жетпей калган Марлес ызалуу карап алыста турду. Ал экөө баягыдан кийин эки гана жолу жолугушкан, кийинки жолукканда Марлес:

- Адинай, көп созгондо эмне, үйлөнүп алалы, - деди Адинайды өөп туруп.

- Марлес, шашканда эмне, али убакыт бар эмеспи, бир-эки жыл күтө тур.

- Кантип, үйлөнүп алсак деле окуй бересиң, мен иштейм.

- Жок Марлес, сен канча болсо күтөм дебедиң беле?

- Болуптур анда, мен иштеп калдым, кечке маал келип турам, - деп кеткен. Үйүнө келип көчүп жатканын көрүп бул үйүн дагы көрүп анан кеткен эле. Эми алыстан карап туруп ошол күндү эстеп: "Буйругу жок экен да, эгерде ошондо макул болуп койсо үйлөнүп алмакпыз", - деп акыркы жолу Адинайдын бактылуу жылмайып Нуркан менен колтукташып лексустан түшкөнүн көрүп артына бурулду. Адинай апасы менен учурашып калды. Узакбай Убайдылдаевичти ыза-аттап тосуп алышып үйгө киргизишти, анын артынан Жамийла менен кызы Танзиля келе жатышты. Үйгө кирип орун алышты. Узакбай менен бирге эки досу, алар дагы Кыргызстанды колуна кармап турган мыкчыгерлердин бири эле, кошо келип үстөл үстүндөгү даамды көрүп чирене отуруп калышты. Баары жай-жайы менен чоңдор жасаган үстөлдөн кем эместиги көрүнүп турган. Узакбай абдан ыраазы болду, карапайым калктын ичинен дагы элитный адамдардын жашоосундай жашоодо жашагандар бар экенине, сыйчылдыгына ыраазы болду: "Буйруса жакшы адамдарга куда болдум", - деп ойлонуп алды, ресторандай эле эки жаштын үйлөнүү тоюна арналган музыка жаңырып, ар бир үстөлдө турган тамактардын четинде койкойгон импорт ичимдиктер менен шампандар, суусундуктардан куюп кудаларды тосуп-сыйлап жатышты. Бир аздан кийин кыргызча табактарга эт келди, чучуктар менен казы картаны туурап закускага сунуп аларды тейлеп жүрүштү. Түн бир оокумга чейин отурган соң узатып ала-көлдөй чык, ала-тоодой эттен кешик салып беришти. Адинай менен Нуркан калышты. Турат менен Гүлкан кыз-күйөөнү сыйлап өздөрүнчө бөлмөгө жаткырышты. Гүлкан күйөөсү экөө ээн боло калганда:

- Ой тобо, бул кызга кудайым берген экен ээ, - деди Гүлкан.

- Ошол sырыскыны кудай акеме буйруган да.

- Ооба десең, балдарга кошуп өзүбүз бакканда болмок экен.

- Койсоңчу, өздөрүнө буйрусун, насиптеш болгонубузга дагы шүгүр, балдарды окутканга жөн эле жардам берет буйруса.

- Мейли эми, баары бир бизге куда болду да, айылдагылар тим эле аңыз кылып жатышат, акемдерди эмнеге көчүп кетти, министрдин тоюн көрөт элек дегендер укмуш, - деп Гүлкан аялдык кылып тымызын чычалагандай болуп турду, анысын билгизбей күлгөн болду.

- Акемдер укса таарынат, жөн болсоңчу.

- Укпайт, биздин кыздарыбыз деле өңдүү-түстүү го, кара кыздын агынан эмес багынан деген чын экен да, - деп үйгө кирди. Кубат иниси менен туугандарын, агасын жеңеси менен сыйлап жатты.

- Бир туугандарым, Гүкү экөөбүзгө кудай өзү сүйүп бала бербесе да Адинайдай кызды Турат аркылуу берген экен, минтип тумшугун сыдырып, туңгагын артпасак да аздыр-көптүр мээнетибизди актап отурат, мындайда туугандын орду эң чоң, жакшылыгыбызга тең орток болуп, кубанычыбызга шерик болуп турганыңарга ыраазыбыз.

- Ооба аке, Турат, силер болбосоңор Кубат экөөбүздүн колубуздан эмне келет эле, маңдайыбызда калдайып канат-бутак болуп бергениңерге рахмат, ылайым силердин дагы үйүңөрдө той болсун, балдарыңар бак-таалайлуу болсун, - деп Гүлсара Кубатка кайрылды, - Куке, эми Адинайдын тоюн чогуу отурганда өткөрүп коелу, алыс жолдон кайра эле чакыра берсек убара болушат, - деди эле Туткуч:

- Ооба-ооба, кыздын тоюн биротоло жеп кетели, Адинайды биз жакшы көрчүбүз, - деди карсылдай күлүп.

- Эстүү келиним бар да, - деди Зейне.

- Кантип силерсиз өткөрөбүз, алыс кетип калды деп таарыныч кылып калдыңар, биз мындай болоорун билбей эле батирден кыйналып калабы деп келдик эле, кандай болсо дагы аман болуп, бактысын берсин, Куке союшуңду даярдап союп тезирээк киришкиле.

- Жарайт Гүкү, мына Турат экөөбүз союш алып келе коелу, - деп Кубат кийине иниси экөө сыртка чыгышты. Ошол күнү эле кечке маал эт бышырылып кыздын тоюна коңшу-колоңдорун чакырып бата алышты, Гүлсаранын төркүндөрү дагы четте калган жок, эки бөлүп чакырып той берип салтка ылайыктап коңшуларына жыйырма сомдон таратты. Туткуч менен Туратка он миңден берди, эжелерине беш миң, агасына дагы беш миң сом берип кызынын тоюнан ыраазы кылып жөнөтмөк болуп үч күн бою казан асып арак-шарап суудай акты. Аларга ыраазылыгын билдирип жөнөттү. Эл кетип бүткөндөн кийин Кубаттардын күйөө балалуу болушун куттуктап эже жездеси келди.

- Ичип-жеп кетип калгандан уялдык, Адинайдын күйөө бала менен бактылуу болушу үчүн, - дешип көтөрүнүп келген экен, Турус бакылдады.

- Капырай, Адинайларды Малайзияга кетишет дедиңерби? - деди Гүлсана сиңдисине карай.

- Ооба, Нуркан ошол жакта окуйт экен.

- Ата-аңдын көрү, балдарды окутуп койсок жашы болот эле го?

- Узакбай Убайдылдаевич эми биздин дагы кудабыз, Кукемди ортого салып таанышабыз, - деди Турус, - Туурабы бажа?

- Кудай алсын, барабыз да кудага.

- Жаман киши эмес го, адамгерчиликтүү экен, керсейбей келгенин карабайсыңбы, кээ бири бар да жумушун шылтоолоп келбей койгон.

- Ооба десең, жакшы киши айга колу жетсе дагы адамдык сапатын жоготпойт, асты жетип-жетпей жүрүп байыганга күн түшкүлүк кылбасын, керсейгендер ошондойлор, кечээки өткөн өмүрүн унутуп калып туулгандан манап тукуму болуп жүргөнсүп жанына кишини теңебей калат, - деди Гүлсара.

- Ошону айтсаң, иши кылса жакшы жерден кудалуу болдуңар, кудай кут кылсын, - деп Гүлсана күйөө баласы менен сиңдисине кайрылды, - Ушуну кыз-күйөө үчүн алып коелу эми.

- Адинай менен Нуркандын бактысы үчүн, - деп Турус аялын коштоду.

- Айтканыңар келсин, - деп Гүлсара аларга күлүңдөй карады.

- Ооба, кызым күйөөсү экөө ылайым айрылышпай ынтымакта көп жылдар жашап уул-кыздуу болушсун, - деди Кубат. Жакшы сөздөр менен каалоолор эки жашка арналып жатты. Эртеси эле Адинай күйөөсү экөө келип калды, Гүлсара менен Кубат аларды коноктоп сыйлап жатып Нуркан сыртта кайнатасы менен сүйлөшүп турду, Адинай менен Гүлсара өздөрүнчө сүйлөшүп отурган.

- Кызым, бактылуусуңбу садагам? - деди Гүлсара.

- Ооба апа, аябай бактылуумун, Нуркан менин көзүмдү эле карап турат, айрыкча кайната кайненемчи, тим эле эркелетип өз кызындай көрөт, жумуш жасатышпайт, ансыз да кызматчылары бар экен, - деди Адинай.

- Кудай кут кылсын кызым, баягы түшүң туш келген экен, эми чет өлкөгө барсаңар кабарлашып тургула, сени жаныбыздан чыгарбайбыз дечү элек, айла жок жолуңар шыдыр болуп эсен-аман жетип алгыла, эмне берем кызым, жолдо жегенге тамак-аш аласыңарбы?

- Жо-ок апа, болбойт.

- Неге кызым?

- Самолет менен кетсек бат эле жетебиз да, менин паспортумду даярдап бүтүштү, үч күндөн кийин учабыз апа.

- Кудай жол берсин садага, - деп Гүлсара берээрге эчтекесин таппай турду, ошол убакта Адинайдын телефону чырылдап калды.

- Ало-о, Лира сенсиңби, ооба үч күндөн кийин учабыз, мен атамдыкындамын, кел-келсең тосуп алам, Арча-Бешикте, ма-акул Нуркан экөөбүз Жалдан күтүп алабыз, макул-макул, - деп телефонун өчүрдү да шашыла сыртка чыкты, бир аздан кийин Нуркан экөө лексус менен Жалдын ортоңку аялдамасынан кезигип Лира өз мшаинасы менен келип калды. Курбулар кучакташа учурашып кайра жөнөштү. Лира келе элек болчу, Кубат менен Гүлсара аны жакшы кабыл алып чогуу тамактанып отурду. Эки күн туруп эртең кетебиз деген күнү үйлөрүнө кетишти, Кубаттар узатууга бармак болуп кала берди… Болжогон күнү кыз-күйөөсүн узатып аеропортто абага көтөрүлгөн самолету карап турган Гүлсара:

- Ээ, жараткан, түшү туш келди, абалап бийикке учуп өз тагдырынын алгачкы кадамын таштап жашоо үчүн күрөшүү жолуна түштү, алла өзүңө жар болсун жарыгым, - деп көрүнбөй калганча карап тура берди, көздөрүндө мөлтүр жаш, аны тигиндейрээкте карап турган Кубат басып келди.

- Гүкү, кетели эми, кудагыйлар чогуу кетели деп жатат.

- Аа-а, - деген Гүлсара көз жашын акырын аарчый Кубаттын жанына келди, - Аман болушсун ээ Куке.

- Аман болушсун, алла жар болсун байбиче.

- Кудалар кете элекпи?

- Жок, бизди күтүп жатышат.

- Кокуй, анда тезирээк баралы, - Экөө ылдамдай басып кудаларынын жанына келди.

- Кудагый, балдар кетип ичибиз ачышып турат, эми чогуу үйгө эле баралы, - деди Жамийла аларга карап, - Кудаңар шашылыш иш чыгып чакырганынан кетип калды, кечирим сурады.

- Жок кудагый неге, иш деген иш да, учурунда совхоздун бир жагын чоюп күн-түн дебей тапшырманы аткарып көрдүк го, өкмөттүк кызматта эч кандай айып жок, шартка жараша болот, - деп Кубат айтканда Жамийла.

- Кеттик анда кудалар, балдардын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болуп, алла жар болуп, эсен-аман жетип алсын! - деп бата кылышты да лексуска түшүп шаарды көздөй зымырашты. Жамийла куда-кудагыйын үйүнө алып келип сыйлап, импорт ичимдиктен куюп өзү кошо алып отурду.

- Кудагый, - деди Кубат, - Пейилиңиздерге рахмат.

- Куда, жалгыз балабыз болсо кандай кудага туш келебиз деп жүргөнбүз, атасы жакшы эле өзү менен үзөңгүлөштөрүнүн кызын алып берем деди, Адинайды бир көрүп жактырды, каршы боло албадык, жалгызыбызды капа кылып көргөн эмеспиз, анан эле сиздердей ата-энеси бар экенин укканда, өз көзүбүз менен көргөндө абдан кубандык.

- Рахмат кудалар, кызыбыз менен бизди арзып мактаганыңарга, - деди Гүлсара.

- Мактамак турсун эки бала үчүн көзүбүз өткөнчө сыйлашабыз буйруса, - деп бир аз ичкенге шакылдап калды, Гүлсара көп ичпейт, бирок ичкенде абдан көтөрчү, миз-зирейип гана мас же соо экени белгисиз аста сүйлөп отура берчү. Жамийла шоферун чакырып Кубаттарды жеткирип кой деп жумшады. Ошентип алар түш оой үйүнө күмүш түстүү лексус менен келип түшүп калышты. Кубанычтуу, чечекейлери чеч боло, бир топ кызуу Кубат үйгө кирип эле.

- Гүкү, үй аңгырап Адинайды сагынып туруптур ээ? - деди.

- Ананчы, экөөбүз зорго эле турбайбызбы?

- Алман, Алман кайда жүрдү экен Гүкү?

- Билбейм Куке, ал биздин айыкпас дартыбыз болду го?

- Кой ушул кезде кайда жүрдү экен, эртең бир издеп келейин, милицияң деле иштебейт окшойт, телефонумду бердим эле, дайын жок, - деп көкүрөк өйүткөн санаасын сыртка чыгарып алды.

- Кантейин, эми аны табалбай калдык го, балким катуу таарынганынан бизди эстегиси келбей калгандыр.

- Адинай анын абалы оор дебеди беле, көрбөсө айтмак эмес, байкуш кызым ага боору ооругандан бизге кабарлашам деп телефонун алдырыптыр го?

- Анда эмдигиче эмне болду, андан бери сегиз ай өттү, жаз келгени калды, кышында тоңуп өлдүбү ким билет? - Экөө эмелеги кубанычтарын шамал үйлөп кеткендей томсоро ичкендери кайда кеткенин билбей эки жерде отурду…

Бул кезде Жунус аны дагы эле карап акча таап жүргөн, бирок ал сүйлөбөйт дагы, жалдырап отура берет, кийин эптеп батир жалдап алып Алманбетти жакшы карап жүрдү, сурагандарга балам болот оорукчан, жан багууга туура келет, - деп жооп кылат. Бири-бири менен иши жок ушул заманда документин карап, текшерген эч ким жок. Кышы менен суукта отурган Алманбет жазга маал ооруп калды, аны карап үйдө болуп дары берип жатты, бирок ал жакшы боло алган жок, бир күнү аны ооруканага алып барды Жунус. Тилекке каршы аны оорукана кабыл албады, Алманбет арыктап, бет сөөгү оркоюп шимирилип калган. Жунус аргасыз аны жолго таштап коюп дайынсыз жоголду, жазга жуук күн бүркөлүп, ыркыраган шамал менен кошо жааган жамгырда күүгүмдө жолдо отурган адамды эч ким элес албады. Баары үй-үйүнө ашыгып, жылуу жерге отуруп, ысык чайды ичип эс алмакка көздөрү төрт, тактайга орнотулган арабада отурган Алманбет моюнунан суу куюлуп, ысып турган денеси чыйрыктырып ийгенде жандалбас кылып кыймылдап жиберип арабадан кулап жерге жатып калды. Түнү бою жааган жазгы жамгырда кийим дегенден чолоо жери калбай cуу болуп калды. Эртеси агылган элдин арасынан өтүп бараткан милиция акырын карап көрүп тирүү экенин билген соң бирөөгө чалгандай болду. Аңгыча тез жардам келип аны ооруканага алып барып кийимдерин алмаштырып дарылай баштады. Кубат ошол күнү чыккан, тез жардам машинасы кеткен кезде гана ошол жерден эл ичинен Алманбетти издеп кетип баратты… Токтокан кызын күйөөгө берип бакыбат жашап жатты, ал Алманбетти биротоло жадынан чыгаргысы келип ойлобойм дегени менен кылт этип эсине түшө калса жүрөгү зырп этип алат. Калманбеттин бизнеси чоңоюп мал багып, эгин айдап абдан байыган, Нурманбет экөө абдан ынтмактуу, бирин-бири кубаттап, агасын иниси угуп айтканан чыкпайт. Ынтмак бар жерде ырыс бар дегендей бала-чакалуу болуп экөө эки жерге заңгыраган особнякты салган, алдыларында ВМВ унаалары бар, Токтокан неберелери менен өзүнчө жашап кырк беш жашында кайын журтунун киришүүсү менен кайнилери болуп кеткен Апсамат деген өзү менен тең адамга турмушка чыкмак болду. Анткени Айдар өлгөндөн үч-төрт жыл өтүп кеткенде Апсаматтын аялы ооруп каза болуп калды. Ошондо Апсамат түндөп келип калчу.

- Апсамат, уят го, балдарым үйлөнүп калды, кызымды күйөөгө берем, эл-журт эмне дейт? - деди ага Токтокан.

- Эл эмне десе ошол десин, сен менин жеңемсиң, атамдарга ачык эле айтам керек болсо, - деп болбой койнуна кирди.

- Мен жамантты болом го?

- Болбойсуң, кайната-кайненең болсо деле атамдардан айттырып сени алып алмакмын, эми өзүң эле билесиң да, - деди Апсамат.

- Өзүм кантип билем, балдарым эмне дейт?

- Балдарга өзүм түшүндүрөм.

- Түшүндүргөнүңдү уккусу келбесечи? - Токтокан кылыктуу жылмайды.

- Угат, өзүмдүн инилерим эмеспи?- деди бекем кучактап алып.

- Ишенбейм Апсамат, туура эмес иш кылып жатабыз, менин эми күйөөгө тийе турган курагым эмес эле, - деп Токтокан жакшы эле мойноду, бирок арадан бир жыл өткөндөн кийин Калманбетке Сооронбай деген бир уулдан тараган жакын чоң аталары жолугуп сөз баштады.

- Уулум, ыссык жан, аманат жан деп коет, бу дүнүйөдөн баарыбыз эле өтөбүз, атаң жаш өтүп кетти, өлгөндүн артында калган адамдарга да жашоо керек, - деди сынай тиктеп.

- Чоң ата муну менен эмне айтпаксыз? - деди Калманбет күлө.

- Уулум, балдардын эне алдындагы парзы болот, ошол парзыңардан кутулдуңар беле?

- Кандай парз ал? - Делдээ карады.

- Апаңарды күйөөгө тий, - деп үч жолу айтышыңар керек, эгерде ылайыктуу адам болсо каршы чыкпашыңар керек балам.

- Кантип, апам эми күйөөгө тиймек беле?

- Болот балам, жашоодо баары болот, апаңар азыр жаш, - деди Сооронбай ишенимдүү айтып табышмактуу сүйлөп.

- Кызык, парзынан го кутулабыз дечи, күйөөгө кантип тием деп айтсын, апам антпейт, - деди да кары менен сылык коштошуп өз үйүнө барбай инисинин үйүнө жөнөдү, Нурманбет атка жем берип сыртта жүргөн. Дарбазаны камчынын сабы менен урду.

- Нурман!

- Азыр, - деген Нурманбет чыга калды, - Жайчылыкпы, кайдан келе жатасың? - деди да, - Кирбейсиңби үйгө, - деди.

- Жок, жүрү мени менен сүйлөшчү сөз бар.

- Кандай сөз?

- Атыңды минип чык, - деди өктөм.

- Макул, - деп Нурманбет ичке кайра кирип кетти, экөө удаа болгондуктан теңтуштай эле сүйлөшчү, көп өтпөй эле Нурманбет атын минип чыкты, экөө катар бастырып көчө менен кетип жатты, - Эмне сөз айта бер, - деди агасын карай, анын жүрөгүн мыжыган бир ой бар экенин сезди айтпаса дагы.

- Нурман, биз апабызды күйөөгө тий деп парзыбыздан кутулушубуз керек экен, - деди алды жагын караган бойдон.

- Эмне, ким айтты аны?

- Сооронбай чоң атам, эгерде эркек баласы болбосо кызы айтат экен.

- Айта бербейби, кантип айтмак элек?

- Айтууга туура келет.

- Кантип?

- Ушинтип эле, бүгүн атама куран окутуп баралы да экөөбүздүн бирибиз айтышыбыз керек, - деди эми инисине жүзүн бура.

- Сен айт анда, улуусуң да.

- Жок, сен айтышың керек, кичүүсү айтат дейт, - Калманбет инисин жылмая карады, - Эгер апам күйөөгө тием десе эмне кылабыз?

- Ой апам тийбейт.

- Кайдан билесиң?

- Иши кылса тийбесин билем да.

- Макул эми, парздан кутулуп коелу, мурда деле уккам, оюма албаптырмын, апам азыр жаш эле да, жумушу бар.

- Кызык болду го? - Нурманбет башын чулгуй карады, - Өзүң буга кандай карайсың?

- Менби? - Калманбет ойлоно калды, - Менимче туура.

- Мен билбей калдым, эмне дээримди да билбейм.

- Макул анда, кечинде Малика экөөңөр бир нерсе алып баргыла, биз дагы барабыз, атама куран окуталы да айталы макулбу?

- Макул, - деп экөө аттарынын башын бура кайра артка кайрылып өз-өзүнүн үйүнө кетишти. Токтокан ошол күнү баняга түшүп, жакшы тамак жасап алып Апсаматты күтүп жаткан, эки баласы аттарын байлап аялдары менен кирип келгенде бир эсе кызыктай болуп уурусу кармалгандай жаман абалда туруп калды.

- Жайчылыкпы балдар? - дегенге араң жарады.

- Тынч эле апа, сизди көрүп, атама куран окуп коелу чогуу деп эле келдик, - деп Калманбет келип өөп учурашты, келиндери дагы учурашып алып келгендерин дасторконду өздөрү жайып даярдап анан отургула дегендей күйөөлөрүн карады.

- Отуруңуз апа, - деди Калманбет.

- Рахмат балдарым, өзүм дагы тамак жасап жаттым эле, ошол быша калсын, - деп эс ала түштү. Көп өтпөй эки келини тамакты алып келишти, Калманбет өзү куран окуп анан атасына багыштагандан кийин жай тамактанышты. Токтокандын колунда эки баласынын улуу балдары бар, алар кеч кирди эле уктап калышат, анткени эшиктен кирбей жүрө беришет оюнга кызыгып, Тамак ичилип дасторкон жыйылгандан кийин Калманбет менен Нурманбет бири-бирин карап ымдашып жатканда Токтокан.

- Эмне, бирдеме айткыңар барбы? - деди билип тургандай.

- Апа, биз жаштык кылып байкабастык кылсак кечирип коюңуз, - деди Калманбет.

- Эмне болду деги, жүрөгүмдү түшүрбөй айткылачы айланайын.

- Апа, ылайыктуу адам болсо турмушка чыгып алыңыз…

- Эмне-е?! - Токтокан мындай деп балдары айтаарын билген эмес, чоочуй экөөнү үрпөйө карады, - Муну ким үйрөттү силерге?

- Эми балдардын парзы экен, биз дагы парзыбыздан кутулалы дедик да апа, - деди Калманбет, - Негизи үч жолу айтыш керек туура…

- Эк кебетеңерге келгилегир десе, айтканын кара, - деп Токтокан жылмайган болду, ал Апсаматтын кылганы деп ойлоду. Ошентип эки уулу үйлөрүнө кеткенден кийин эки небересин жылуулап жаткырып коюп анан күтүп калды, тээ эл аягы тыйылган кезде шып этип Апсамат кирип келди.

- Ийи, кылар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп жүрөсүң? - Токтокан аны жылмая карады.

- Эмне кылыптырмын?

- Өзүң билесиң, жуунуп келдиңби?

- Жок, cуу берчи.

- Мына, жылуу сууга жуунуп кел, кечке малдын тезегин чыгарып жүрүп биротоло бок жыттанып калыптырсың.

- Койчу, кантип эле, - Апсамат күлүп чыгып кетип жуунуп кайра кирди, экөө бир саамга кучакташып турду, - Эми жыттанбай калдымбы?

- Мончого түшпөсөң кетмек беле?

- А сен жыттуу атырдын өзү болуп калыпсың.

- Чын элеби? - Наздуу жылмайды.

- Калп айтканым жок, жөн эле жыпар жыттуу гүлдүн исиндей.

- Анчалык эле комплимент айта бербесең, кел эми тамактаналы.

- Бирөө келдиби?

- Ооба жуучу келиптир.

- Койчу Токон, жинимди кайнатпай.

- Кызганасыңбы?

- Ооба, менин колуктума жуучу түшкүдөй ким экен ал?

- Бирөө, балдар менен келиптир, - деп сынай карады.

- Оюнуңбу, же чыныңбы? - Апсамат Токтоканга көңүл буруп тигилип калды, - Чыныңбы же...

- Чын болсо кантесиң, анткени каалоо менден болот да.

- Токон, эгер ушунуң чын болсо ошону менен соо калышпайм, - деп Апсамат муштумдарын түйө көздөрүн чакчайтты, - Ким, айт ачыгын!

- Тоб-бо, азыр биз бала эмеспиз, байкуш Гүлпарини жакшы билчү элем, айтсаң өзүң, көрүп-билип туруп сенин аялың болуп кантип чыдайм? - деди Токтокан, - Андан көрө сен экөөбүз билинбей ойнош болуп жүрө беребиз, сен башка аял алып ал.

- Токтокан, мен сенден башка аял албайм дагы, сени менен ойнош болбойм, сен мени шакаба кылба.

- Макул эми, баары тамаша, тамак бышып калган, отуруп тур, алып келе калайын, - деп Токтокан дализине чыкты. Апсамат өзүнчө жинденип: "Куу катын эмне деп башты оорутуп жатат, менден башка дагы бирөөсү бар болсо керек, кууланганына караганда", - деп ойлонуп тишин кычырата ачуусун зорго басты.

- Ким келди эле? - деди тамак көтөрүп кирген Токтокандан кайра сурап.

- Балдар келиптир, атасына куран окуп, анан мени күйөөгө чыга бериңиз деп, балалык парздарынан кутулмак болушуптур.

- Ырас элеби, ачуумду келтирбей эле ошентпейсиңби анан?

- Эмнеге жиниң келет, ошону сен айтпасаң билдар билмек эмес, өзүң баарын бүлдүрүп коюп эми ачууланганыңа жол болсун? - деп жанына отуруп чай куюп сунду, - Сенин ушул оюнуң мага жакпай турат.

- Эмнеге?

- Сенин балдарың менен менин балдарым ынтымактуу боло алышабы?

- Болот, биз айтабыз да.

- Ишенүү кыйын Апсамат.

- Эмитен эле минте бербе, эртең атамдарды кайнагаңа жөнөтөм, - деп Апсамат тамакка карады. Экөө ары тартышып, бери тартышкан менен бир сөзгө келе албай жатып калышты, таң атпай ордунан турган Апсамат Токтоканды кучактап өөп көпкө жатып алды:

- Кой эми, бирөө жарым көрүп калса ушак кылып жүрбөсүн?

- Ушинтип уурданып келип кеткенден тажадым, бүгүн сөзсүз атама айтып жөнөтөм, - деди да туруп кетти. Токтокан ооналактап көпкө жатып анан ордунан ыңгырана туруп сыртка чыкты. Ошол кезде коңшусу менен абысыны дарбазадан кирип келе жаткан экен, аларды көрүп чоочуп кетти: "Булар эмнеге таң заардан келди, кудай ай жүрөгүм лакылдап кетти да", - деп аларды тосо чыкты.

- Келиңиздер, - деп алар менен учурашкыча дагы үч-төрт коңшусу кирип келе жатканда, - Эмне болду, айткылачы, баларым аманбы деги? - деп Токтокан кыйкырып ийди.

- Токтокан, эстүү жансың, кайрат кыл, атаң өтүп кетиптир, - деди улгайган аял.

- Аа-ай! - деп Токтокан бакырганда баары келип кармап үйүнө киргизишти, - Качан, ким айтты? - деди көптөн кийин.

- Кечээ кечинде акеңе жолугуптур, таң атсын дедик, - деди абысыны Гүлкайыр. Ошентип эки уулу, келиндери, абысындары болуп атасынын тажиясына жөнөп кетти. Апсамат ичинен кайгырып кала берди. Анткени эми дагы келээри менен тийе койбосу белгилүү эмеспи, азалуу адамды күйөөгө тий деп ким айта алмак…

Марлес ызалуу өзүнчө жинденип ишинен да калып айылга кетмек болду, бирок ал дагы эле Адинайды көрө тургандай болуп университеттин алдына барды бир күнү. Бирөөнү күткөндөй эки жакты карап турса ары жакта бир жигит менен кыз тарткылашып жатканын көрүп карап калды, ал Лира болчу. Марлес аны таанып калды: "Өздөрү келишип алаар, менин тиешем канча", - деп турса экөө кадимкидей эле уруша кеткендей кыз андан бошоно албай ыйлап кирди ошондо Марлес жетип барды:

- Тууган, кыздарга мындай мамиле кылган болбойт, кое бер! - деди.

- Сенин ишиң канча, биз өзүбүз чечишебиз, - деди тигил орой.

- Мен сени менен чечишип бүткөм, кое бер, - деп жулунду Лира.

- Мен сага айттым го, түшүнсөң Лира.

- Кереги жок, мен сени сүйбөйм!

- Тууган, кызды кое бер, - деди Марлес жакындап келип, - Мынча өжөрсүң, кыздын көңүлү болбосо кыйнаганда эмне?

- Эй, сен өз жолуң менен бол деп жатам?

- Болбойт экенмин, кызды кое бер азыр.

- Кое бербесем эмне кыласың? - деди ал кайра Марлеске ачуусу келе, ошондо Лира анын колунан бошонуп качып жөнөдү. Жанат Марлеске келип, - Сен эмнеге бирөөнүн ишине кийлигишесиң? - деди.

- Кыздын ыйлаганын көрбөй турасыңбы?

- Ишиң болбосун!

- Мен кыздарды ыйлаткан эркекти жаман көрөм!

- Сенби? - деди да экөө тепкилеше кетишти, чыкыйга муш жеген Марлес жини келе аны бир тепти эле ары жакка кетип жаткан Лира кайра жүгүрүп келди:

- Жарда-ам, жардамга келгиле! - деп кыйкырганда ар жактан студенттер жүгүрүп келе жатканда Жанат:

- Көрүшөбүз дагы, - деп Марлести кекетип Лирага кайрылды, - Сен менден кутулам деп ойлобо, - деди да ары басып кетти.

- Эмне болду?

- Ким экен? - дешип студенттер жарданып калышты.

- Балдар мушташып, - Лира мурду канаган Марлести карап күнөөлүүдөй үн катты.

- Күнөөлүү качып кеттиби? - деди бирөө, анан тарап кетишти.

- Ооба, - деп Лира Марлеске карады, - Кечирип коюңуз.

- Эч нерсе эмес.

- Жүрүңүз, сууга жуунуп алыңыз, - деп университеттин туалетине алып киргизди, жуунуп алыңыз, мен сыртта күтүп турам.

- Макул, - деп Марлес кирип кетти. Жуунуп чыккандан кийин экөө сыртка чыгып жолду көздөй катар басып келе жатышты.

- Сиз Адинайды издеп келдиңизби?

- Жок...

- Билесизби?

- Ооба.

- Анда бул жерде бирөөңүз барбы?

- Жок.

- Кызык, - деп Лира күлүп койду.

- Жөн эле келгем, жанагы жигитиңби?

- Ооба, сүйлөшүп жүргөнбүз, жакпай калды.

- Эмнеси?

- Мүнөзү.



- Кыздар деги табышмактуу жансыңар ээ? - Марлес Лирага карап күлүп койду, - Бирөө менен сүйлөшсөңөр эле сынайт экенсиңер.

- Неге мындай дейсиз?

- Деги да, көңүлүм калды.

- Адинайданбы?

- Баарынан.

- Сүйбөсөң кантип башыңды байлайсың айтчы?

- Аның туура, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген туура эмеспи, - деп Марлес Лираны баш көтөрө карады да, - Лира, сен чыныгы сүйүү бар экенине ишенесиңби?

- Эмнеге сурадыңыз?

- Сүйүп көрдүң беле?

- Сүйүү келбегени үчүн Жанатка ишенбедим, - деди Лира ойлуу.

- Мен Адинайды сүйүп калдым дегенмин, эми ойлосом балалык бир арзуу экен.

- Андайлар боло берет, менимче Адинай сүйүүсүз эле турмуш куруп кетти, күйөөсүнүн байлыгына кызыкты окшойт.

- Эмнеге антип ойлойсуз?

- Күтүлбөгөн жерден ала качып кетти, ал унчукпай отуруп калды, куду мурдатан таанып билип жүргөндөй, мен таңгалып калдым.

- Мурда көргөн эмес беле?

- Жок, ал ичине сыр катчу эмес, дароо мага айтчу, - деп Лира сүйлөп жатканда Марлес: "Балким кыз эмес үчүн отуруп калгандыр, бакма кыз болсо, өзүнүн кийинкисин ойлогондур", - деп ойлонду.

- Демек сүйүү болбосо деле жашаса болот экен деңиз.

- Мүмкүн, кээ бирөөлөр үчүн жашоо парз...

- Сизди көрбөгөн бирөө ала качса отурат белеңиз?

- Эч качан, атам аларга бир мүнөт коймок эмес, - деп Лира өзүнүн атасы жөнүндө айтып жатты. Ошондон баштап экөө жолугушуп жүрдү, Жанатты Аваз Сурабалдиевич кызына сүйлөгүс кылган, акыры Марлести жактырып калып экөө үйлөнүп алышты. Марлес Адинайга ыраазы болуп: "Эгер сен болбосоң Лираны кайдан көрөт элем, бир жетим бакма кызга үйлөнгүчө министрдин кызына үйлөнгөнүм жакшы болбодубу", - деп ойлонуп бактылуу болуп Лиранын көзүн карап турчу болду. Бирок андайда Лира:

- Марлес, сен мени сүйгөнүңдөн ушинтип жатасыңбы же атамдын аброюу үчүнбү? - деди жини келе.

- Эмнеге жаным, мен сени жакшы көрөм, ал тургай сүйөм, - деп Марлес калдастап сүйүүсүн колко кылып тура калат. Бир жолу Марлес экөө отурса Адинай чалыптыр.

- Алло Адинай, кандайсыңар? - деди Лира, Адинайдын үнү угулду ага, толкунданып алгандай:

- Лира, кандайсың?

- Жакшы, өзүңөр, Малайзия кандай экен?

- Баары жакшы, кандай жаңылык бар, окуп жатасыңбы?

- Ооба, менин сага айта турган жаңылыгым бар Адинай.

- Кана айта бер, азыр зеригип отуруп чалганмын, кандай жаңылык?

- Мен турмушка чыктым, кимге дебейсиңби? - Лира Марлести карап көзүн кысып койду, - Уккуң келеби Адинай?

- Албетте угам, өөб-өбө куттуктайм.

- Мен Марлеске чыгып алдым.

- Койчу?

- Чын айтам, азыр жанымда отурат, сен сүйлөшөсүңбү?

- Макул, телефонду берчи, - Адинай тыңшап калды.

- Алло, Адинай кандайсың? - деди Марлес.

- Жакшы, куттуктайм Марлес, бактылуу болгула.

- Рахмат, - деп телефонду Лирага берди.

- Алло Адинай, Нуркан кандай жүрөт?

- Окуп жатат, жакында мен дагы окуумду улантам.

- Жолуң болсун, бактылуу болгула.

- Силер дагы, көрүшкөнчө курбум.

- Көрүшкөнчө, Нурканга салам айт, - деди да телефон өчүрүлгөндө ары коюп койду, - Адинай аябай ак көңүл кыз.

- Билем, сырдуу көрүнөт.

- Билбегенге, - деп койду Лира.

Ошентип ар түрдүү тагдырлар жарыктык тартуулаган, тирүүлүктүн билинбеген менен бир эле мезгилинде өтүп жатты. Кубаттар жараткандын бир бүркүм бакытын тартуулаганына ыраазы болуп күн көрүп, өмүр сүрүп жатышты. Бир тилеги Алманбетти таап өз колуна алуу болсо да андан дайын болбоду. Адинайлар менен сүйлөшүп турушат, кудагыйы кез-кез чакырып коноктойт, сүйлөшүп отуруп келишет. Бир күнү Турат келди айылдан, аны көрүп Кубат сүйүнүп кетти:

- Кел Турат кел.

- Келдим аке, жакшы турасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, жатабыз иним, балдар чоңоюп жатабы, Гүлкан жүрөбү? - деп Кубат инисинен айылдагылардын баарын сураштырып отурганда Гүлсара кирип келди:

- Кел Турат, балдар аман-эсен жүрүшөбү?

- Жакшы-жакшы жеңе, Гүлкан салам айтты.

- Саламат болсун, жакшы жатсаңар эле болду, - Гүлсара дасторкон салып кайнисине тамак жасады, үчөө отуруп тамактанышты, анан Кубатка караган Турат:

- Аке, Илгиз окуусун бүтүп жатат, кудаңызга айтып окууга киргизип бересизби? - деди жылмайып.

- Быйыл бүтүп жатабы?

- Ооба, жакшы окуйт.

- Сүйлөшпөй анан, киргизебиз, - Кубат ишенимдүү айтты.

- Болду анда, мен ошону сүйлөшөйүн деп эле келгенмин.

- Керек болсо өзүң сүйлөш, сенин дагы кудаң, - деди күлүп Кубат. Үчөө көптө жатышты, эртеси кайра эле кетти Турат, Кубат анын айтканын Узакбай Убайдылдаевич менен Кубат бир эле жолугуп сүйлөшүштү. Баары бүттү, Турат менен Гүлкан кубанычтуу кудасына учурашкан болуп Убайдылдаевичтин үйүнө өздөрү келишти, бирди союп, чаначка кымыз алып алган, карын май менен асел дагы бар. Жамийла жайкала басып алдында турган Кубат кудасынын иниси экенин таанып үйгө киргизип сыйлап:

- Бекер кылыпсыңар, куда-кудагыйбыз, жөн эле келсеңер болбойт беле? - деди чоюла.

- Кудагый, учурашканыбыз болсун, кудага салам айтыңыз, - деди Турат кетмек болуп жатып.

- Айтпай анан, айтам куда, келип тургула, буйруса балдар келсе дагы жээнтекке чакырабыз, Адинай буйруса жакында көз жарат.

- Болсун кудагый, келбей анан, сөзсүз келебиз.

- Кудагый, сиздер менен бизди байланыштырган ошол эки бала эмеспи, буйруса дагы көп жакшылыктар алдыда, - деди Гүлкан.

- Сак-саламат болуңуздар, көрүшкөнчө, - деп Турат Жамийла менен коштошту, Гүлкан дагы анын колунан кармай коштошуп Кубаттыкына келди. Ошентип: "Жакшы менен жанашсаң жетесиң мураска, жаман менен жанашсаң каласың уятка", - дегендей Кубат ага-инилерине ого бетер кадыры артып ынтымактуу өмүр өткөрүп жатты. Күзүндө Нуркан менен Адинай келишти, келгенден кийин уул төрөдү, Кубат менен Гүлсаранын кубанычында чек жок, кичинекей наристени көргөндө кайрадан ойлоруна Алманбет түшүп ичтен тынышат: "Бул наристе бактылуу наристе, ата-энеси, чоң ата, чоң энеси бар, ылайым бала ташталбасынчы, эне баланы жараткан бөлбөсүнчү", - деп ичтеринен муңканып алышат да кызынын чакылдап: "Менин атым Адинай, апамдын күйөөсү мени акча тап деп урат, а силер урбайсыңарбы", - деген сөзүн экөө тең купуя эстеп алып күнүмдүк жашоонун түйшүгүнө арбалып убакыт өтө берди…

Алманбетти ооруканадан дарылап жатышты, бир аз жакшы болуп калган, бирок сүйлөбөй дагы, эч нерсени сезбей да калды. Бирок баса баштады. Ооруканада кымбат дарылар менен дарылоо керек болгондуктан анын эч кимиси жок экенин билген соң врачтар дарылоодон баш тартышты. Туруп ар кайсы жакка басып кетет, бутунун сыныгы эптеп бүтүп калган экен, ал ооруканадан дагы чыгып кетти. Аны издеген эч ким болбоду: "Кетсе кете берсин, караары болбосо анын расходун ким төлөмөк", - эле дегендей болду окшойт. Ал дагы көчө-көчөдө түнөп күн көрүп жүргөндө аны бирөө базарга алып барды да отургузуп акча тапмак болду, бирок ал жакшы баса албагандыктан чалынып жыгылып башы ташка тийди, тынч отурганды билчү эмес, ой келди басып жүрүп ошентип анын да күнү бүттү, катуу тийип ошол жерден мүрт кетти, анын жаткан жерине милиция келгенче анын жанынан өткөн эл карап коюп: "Байкуш ай", - деп коюп өтүп жатышты:

- Белгисиз өлүк жатты.

Бир келген бул жалганга.

Жарыкка келээр менен.

Айланган таштандыга.

Бир кезде өкүнгөндүр.

Тууп таштаган апасына.

Акыры моюн сунду.

Таш боор жалган тагдырына.

Ошентип бул өмүрдөн.

Бир бечара өттү мына… Кечке маал Алманбеттин өлүгүн алып келишти, бул кезде Кубаттар кудасынын төрүндө кичинекей небересинин жээнтегинде отурушкан. Эч нерсени сезишпеди, болгону Гүлсаранын жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип алды: "Кудай ай, жакшылык эле болсо экен", - деп элдин шары менен бака-шакага аралашып кетти. Токтокан дагы сезди, бирок ал эч нерсени ойлободу, өз колу менен бакпаганга, эмчек сүтүн бербегенге ошондой болдубу ким билет…

Айгүл Шаршен.

Аягы



Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз