Айгүл ШАРШЕН


"Өткөн өмүр барактары"


Салтанат таенесинин колунда өстү, Сайкал нарктуу, каада-салтты бекем кармаган аял, жалгыз небересине өзү билгенин үйрөтүп, оюндагысын аткарып чоңойтту, макал-лакаптатып сүйлөгөн сөзмөр, комуз, ооз комузга ойногон ырчы аял Салтанатка комуз үйрөтүп жашынан өзү менен ээрчитип тойлорго, конокторго ала жүрүп ырдатчу, мектепке баргандан баштап сабакты анча окуй албаганы менен кароолордо ырдап мектепти бүткөнчө сыйлык алып, биринчи, экинчи даражадагы дипломдорду алып жүрдү, чынында үнү коңгуроодой бийик дагы уккулуктуу эле, бирок бою узун, өңү анчалык эмес болсо дагы бой көтөрүп анча-мынчаны жанына жолотпой жүрүп мектепти бүткөн соң айылдык дом культурада иштеп калды. Областарга чейин ырдап барып, чакырыктар менен борборго чейин барып жүргөндө ошол айылдык жигит ала качып алды, кыргыздын ырым-жырымын туу туткан катын-калачтар ага ар кайсыны айтып жатып жоолук салып отургузуп коюшту. Таш түшкөн жеринде оор деп жашап калды. Бирок ал үйдө отуруп калган жок, райондорго чейин комузун колго алып ырдап жүргөндө комузда кол ойноткон жаш келин көз жаздымда калбады, райондун биринчи секретары аны имерип алууну ойлоду. Созолонтуп үнүн созсо бир-эки мүнөткө созуп солкулдаган жаш келин анын кучагын толтуруп, өзүнүн өткөн жаштыгын кайрадан кайрып бере тургандай бүт оюнун баары аны өзүнө имерүү эле. Ошентип Салтанат Бектур Конокбаевичтин сүйгөн селкисине айланды, аны райондук театрга алып келип алды, күйөөсү Нурбек карапайым жигит, аялынын эл алдында ырдап, күндөп-түндөп талаалап жүргөнү жакпаса дагы үй-бүлөөсүн сактап калууга тырышты. Бектур Конокбаевич ага жумуш таап берип райондогу баардык шарты бар үч бөлмөлүү үйгө киргизип койду. Жаман оюу жок Нурбек мунун баары Салтанаттын эмгеги деп ойлонуп билинбеген жылдар арасында эки кыздуу да болушту. Элдик театрдын күзгүсү болуп үнүн кубулжуткан Салтанат райондук сынакка катышып жеңип алды, ошол сынакта борбордон келген комузчу Курман Актанов Салтанаттын комуз ойногонун, ырдаганын көрүп чоң баа берди да борборго чакырды, бирок Бектур Конокбаевич аны кетиргиси келбеди, аны жашыруун жолугууга чакырып экөө бет маңдай отурушту.

- Салтанат, сенин борборго кетүүңө мен өтө каршымын, - деди күңүрт бирок кооз ресторанда отуруп колдорунан кармап.

- Сиз менин максатыма жетүүмө каршысызбы? - Салтанат көзүн сүзө наздуу сүйлөдү.

- Жок-жок, каршы эмесмин, бирок менин сенден ажырагым келбейт Салтанат.

- Балким барып тураарсыз, мен үй-бүлөөмдү курмандыкка чалып сиздин эркиңиз менен болуп жүрөм го, райондук деңгээлде мен чоң багытка ат салыша албайм, сиз муну билесиз да, ал жакта мен деген белгилүүлөр бар, алар менен теңтайлашуума, өз максатымдын өтөөсүнө чыгуума жол ачылат го дейм.

- Аның туура Салтанат, көңүл арзуусун кантебиз?

- Мен өз максатым үчүн баарына кол шилтөөгө аргасызмын.

- Ошондой де, демек менин сага деген арзуум сенин максатыңдын далдоосунда калышы мүмкүн экен го?

- Эки кызым менен күйөөмдү жазгырып сиздин кучагыңызда жүргөнүм, буга далил, анткени менин талантым бар, ал көмүскөдө калбашы керек, - деди Салтанат эч тайманбай. Бектур Конокбаевич бир саамга ойлуу отурду да акырын туруп кетти. Дал ошол кезде аялынан күмөнсүй баштаган Нурбек анын артынан түшкөн эле, сураштырып келип ресторанга эми жеткенде Бектур Конокбаевичтин чыгып баратканын көрүп ага байкатпай ресторанга кирди, четтеги үстөлдө отурган аялын көрүп акырын басып барды.

- Бул жерде эмне кылып отурасың?

- Конокко чакырышкан, азыр алар кетти, мен эми кеткени тургамын, - деп Салтанат ордунан тура калды.

- Бас үйгө, же ырчы болуп өз жолуң менен кетесиң, же үй-бүлөө үчүн баарынан кечесиң, - деди Нурбек ачуулуу.

- Эмне болуп кетти?

- Үйгө баганда көрөсүң, - деп жулка колунан сүйрөп жөнөдү. Алар жолдо кер-мур айтышып үйүнө келгенде эки кызын уктатып коюп Сайкал кыз-күйөөсүн күтүп жаткан эле.

- Келдиңерби балдар? - деди ал жаман ою жок.

- Келдик апа, кызың мындан ары үйдө болсун, болбосо мага мындай жашоонун кереги жок! - деди Нурбек кирип эле.

- Ботом эмне болуп кетти?

- Кызыңыздан сураңыз, мен мындан ары чыдай албайм.

- Апа, мага дагы мындай жашоо жакпайт, эми гана менин тилегим ишке ашканы турганда мен мунун айтканына көнө албайм, - деп Салтанат да кашкая карады.

- Жай отуруп түшүндүргүлөчү, эмне талашыңар бар деги?

- Кызыңыздан сураңыз, - деп Нурбек үңкүйө отуруп калды.

- Мен үйгө отурушум керек экен, бул чыдай албаса мен дагы чыдабайм, ажырашам десең мен даярмын.

- Ыя, сен алда качан ойлонуп койгонсуң го? - деп Нурбектин бетинин түгү чыгып аялынын маңдайына келди, - Уят дегенди таптакыр унуткан экенсиң, сага ойноп күлүп, көрүнгөндүн машинасында жүргөн гана бакыт болуп эсептелет тура, мынабы эки кызды баарына алмаштырып басып кетүүгө даяр экенсиң го, азыр жогол, сен жөнүндө уккан ушактарга уугуп бүттүм, - деп жаактан ары чаап-чаап жиберди.

- Нурбек! - Салтанат отура калды.


- Мен сендей аял менен жашаганча бойдок жүргөнүм жакшы, жогол азыр, көзүмө көрүнбөй!

- Балам, анчалыкка барбагыла, түшүнсөм буйрубасын, - Сайкал күйөө баласы менен кызынын ортосуна түшө калды, - Деги эмне болгонун түшүндүрчү балам?

- Кызыңыз айтып берсин, - деп Нурбек ачуусун тыялбай отура калып, тура калып жатты, - Айт апама эмне кылып жүргөнүңдү.

- Эмнени айтмак элем, болбогон калпты ойлоп тапкан болсоң өзүң айта бер.

- Ыя, калптыбы? - Нурбек ызалуу күлүмсүрөп аялына таңдана карады, - Демек менин укканымдын баары калп экен го?

- Калп, бирөө бизди бузгусу келип сени ишендирген да.

- Эми эле ресторанда секретар менен отурганың дагы жалганбы, сен үчүн мына бул үйдү дагы бергени жалганбы, мындан ары мени менен бирге жашагың келсе бул үйдү таштап айылга кетебиз, болбосо бүгүн ажырашабыз.

- Кой балам, ушакка ишенбе.

- Нурбек, ажырашам десе мен жалдырамак белем?

- Ооба апа, ойношторуна чиренип жатат кызыңыз, бирок мен кыздарды бербейм, арамдан тапканың өзүңө буйрусун, - деди да үйдөн чыгып кетти. Сайкал кызына ачуусу келип урушуп жатты:

- Туура кылган жоксуң кызым, күйөөңө жалган айтып, балдарыңдын тагдырын кайдыгер караганың болбойт.

- Өзү кылып жатат болбогон ушакка ишенгени жакшыбы?

- Атыңа жаман ушак илээштирип алдың, келечегиң али алдыда кызым, жакшы жүрүп максатыңа жеткенден өтөөрү жок, ушундайда тизгиниңди тарт да кыздарыңды ойлонуп үй-бүлөөнү сактап калууга тырыш, - деп кызына акыл-насаатын айтып отурду. Салтанат өз оюнан кайтпады, күлүк күнүндө дегендей бир аз кадыр-баркы менен жаштыгына чиренип борборго айтпай кетип калды. Сайкал тырмактай эки кыз менен калып жашап жатты, Нурбек кээде кыздарына келип-кетип жатты. Арадан бир ай өткөндө Салтанат келди да апасы менен эки кызын алып шаарга кетип калды, Нурбек аны угуп жинденип артынан барып кыздарын алып келмек болуп Салтанаттын кирген театрына келип аны күтүп турду. Кечке маал театрдан чыккан Салтанатты капкара жаңы маркадагы машина күтүп турган эле, Нурбек ага жетпей карап кала берди. Бул мамлекеттик машина болчу, үнү менен кадыр-баркка жеткен жаш келин үчүн бул өтө чоң сый болгон, ошентип ал атактуу депутаттын колунда - төшөгүндө туйлап, кучагында болуп өз учурунун ханышасындай эле өмүр сүрүп жатты. Ага Сайкал канчалык акыл айтканы менен укпады, ошентип жүрүп наам алды, атактуу ырчыга айланды. Нурбек ага жинденип башка аялга үйлөнүп, бала-чакалуу болуп өз тагдырын өзү чечти. Алар ошол бойдон жолугушкан жок, кыздары катар өсүп, Салтанат аларды тарбиялоого убактысы болбогондуктан Сайкал карайт, күндүзү театрда, түндөсү мансаптуу адамдын кучагында болуп көп нерсеге жетишти, бирок улам жашы өткөн сайын жашоосунда бир нерсе жетпегенсип өзүнүн жаңылыштыгын кеч кезип өкүнүп калчу болгон, театрда бирге иштеген Дарийка деген экөөнүн мамилеси дурус, кээде экөө ашканадан бирге тамактанып кала турган. Ал Салтанаттан бир аз улуу, мурдатан иштеп келе жатса дагы бир наам ала элек, ага иштешкендери атайын айтып калышчу. Нурзат ага бир күнү минтти:

- Дарийка эже, сиздин эмгегиңиз Салтанаттан жогору болушу керек эле, кечээ жакында келип эле наам алып отурат, ажо өзү көрүп баа берди деген менен сиз деле ошондой эле ырдайсыз го?

- Эми мен наам үчүн иштеп жатам демек белем, Салтанаттын колунан келген иш менин колумдан келбейт, учуру келээр, - деп Дарийка жылмайып койду.

- Өң десе өңүңүз, үн десе үнүңүз бар эмне.

- Баары бар, бирок бир гана шык жок сиңдим, ар ким өз доорун сүрө билгени жакшы, анын өзүнүн жолу бар да Нурзат.

- Ошондо деле жетекчиликке биз айтышыбыз керектир.

- Бири туура түшүнсө бири туура эмес ойлошот, кереги жок, мен наам үчүн эмес жан дүйнөмдүн каалоосу менен ырдайм, ырсыз мен өзүмдү элестете албайм, - деди Дарийка ойлуу, негизи ал деле ичинен ыза болуп жүргөн: "Неге мен албаган наамды бул алат, же мен андай эркектерге жагына албаганымданбы, уятты ойлоп түз жүргөнүм үчүнбү", - деп ойлоор эле. Салтанат наам алгандан кийин ого бетер көтөрүлүп, анча-мынчаны көзүнө илбей калды. Ошол күнү Садык менен бирге саунада жуунуп пиво ичип эс алып жатты.

- Сакиш, ыраазысыңбы? - деди Садык ага.

- Абдан ыраазымын.

- Сени ушунчалык жакшы көргөнүмдөн сенден мурда ала турган адамдарды карабай туруп сага ыйгарттым.

- Түшүнөм, мага театрдагылардын көз карашы кандай болуп калганын сезип эле билмексен болуп жүрөм, тим эле көрөйүн деген көзү жок, - Салтанат каткырып алды, - Бирок менин үнүм, талантым мактоого арзыбайбы Саке? - Эркелей жылаңач денелери менен Садыкка жакындады.

- Арзыбагандачы, сенин үнүң өзүнчө оригиналдуу ???????????

- Мен өз баамды билем Саке, талантымды өлтүрүп албас үчүн күйөөмдөн дагы баш тарткамын.

- Туура кылгансың үй-бүлөө же талант экөөнүн бирин тандоо керек, сен акылдуулук кылгансың, - деп карсылдай күлүп Салтанатты өөп кучактап алып пиводон жутуп кайра киришти жуунганы. Ошентип Салтанат өз максатын ишке ашыруу үчүн баарын жасады, бир күндүк жыргалды, махабатты туш келгенине тартуулады, эки кызын караган Сайкалдын карылыгы жетип сексен жашында ооруп калды, бирок Салтанаттын кадыр-баркы менен ооруканага жатып канчалык жакшы карап жатса дагы болбой дүйнө салды. Аны айылга алып барып каада-салт менен жерге берип кайтты. Алтынай менен Асылай катар чоңоюп бири он биринчи, бири тогузунчу класста окуп калган. Алтынай көчөгө көп чыгып жигиттердин биринен-бирин тандап үйгө токтобой калган, Асылай токтоорок. Бир күнү кийинип алып концертке даярдануу бөлмөсүнө кеткени жатканда Асылай:

- Апа, Алтынай үйгө токтобойт, сенин бизге убактың жок, - деди.

- Эмне кылуум керек кызым, Алтынай чоңойду, окуусун бүтсө окууга тапшыртып коем, - деп Салтанат кызын өөп коюп шашыла жөнөдү.

- Апа, эрте келесиңби?

- Билбейм кызым, иш деген иш, Алтынай келсе тамак жасап ичкиле.

- Таенем өлбөгөндө жакшы болмок, - Асылай ыйлаактап кала берди, ошол күнү Алтынай кызуу келди:

- Мамаша жокпу? - деди ал кирип эле.

- Жок, концерти бар экен.

- Анын бизге бөлөөр убактысы болбойт дагы, - Кийимин чечип ыргытып диванга көмкөрөсүнөн жатып калды.

- Алтынай, менин кардым ачты, тамак жасачы.

- Өзүң жасап иче бер, менин кардым ток.

- Жалгыз кантип ичем?

- Барчы ары, апаңа айтып кафеден тамактанбайт белең?

- Шашылыш кетип калбадыбы.

- Мен эмне кылайын, уйкум келип турат, бар ишиңди кылчы! - деп колун силкип коюп жатып калды. Салтанат ал түнү дагы келбеди, анын концертине ажонун өзү катышып ал күнү сый ресторанда болду, таң ата ал дагы өтө кызуу келди, кыздары эки бөлмөдө жатканда ал өз бөлмөсүнө өтүп жатып алды, эртең менен эрте турган Асылай апасынын чачтары саксайып, кийимдери ар жерде чачылып жатканын көрүп кабак бүркөй кайра чыгып кетти. Тээ бир топтон кийин ойгонуп Алтынай дагы, Салтанат дагы ашканага кирип суу ичмек болуп беттешип калды, башы ооруп турганга экөө тең эч нерсеге көңүлү келбей бири-бири менен сүйлөшкөндөн качып чыгып кетишти.

- Ушу силердики өттү, экөөңөр тең ичип келесиңер, мени ойлогон эч ким жок, - деп Асылай тултуңдап кирди.

- Эмне болуп кетти, урмат-сыйда жүрөм, ойноп жүрүптүрмүнбү ыя?

- Апа, түшүнсөң боло мени, Алтынайың ушундайда кызыңды тарбиялабасаң бузулуп бүттү, сен атактуу болсоң атыңды булгайт.

- Сен менин бир жолу ичкенимди көрө албай калдыңбы? - Алтынай сиңдисин үңүрөңдөй карады.

- Сен али окуучусуң, сени билсе сөзсүз гезиттер жазып чыгат, апам эле уят болот, - деп Асылай дулдуңдай эжесине карады, - Эмнеге сен кишини уят кыласың, мектепке баргандан уялам сен үчүн, чылым чегесиң, пиво ичесиң.

- Болдучу, - Алтынай сиңдисине ачуусу келе карап бөлмөдөн чыгып кетти.

- Капаланба кызым, Алтынайдын эси бар, анчалык эле чектен чыга койбос, - деп Салтанат Асылайды сооротту, - Менин акылдуу кыздарым бар да.

- Кызыңды айт, өз убагында келсин, чылым чекпесин, пиво-арак ичпесин.

- Макул кызым, азыр ал өткөөл куракта, мектепти бүтсө токтолуп калат, андан көрө ага көп катуу айтпа, өзү эсине келет.

- Макул, сен дагы көп-көп үйдө болсоң жакшы болмок.

- Кызым, мен иштеп силерди эч нерседен кем кылбайын деп жүрөм да, ар кайсы жакка чакырышат, барбай койсом болбойт, анткени элдин назары түшүп капа болуп калат, андан көрө сабагыңды жакшылап окуп эжеңе көз бол, тамак-аш муздаткычта толтура, каалагандай тамак жасап ичкиле, жакында концертим болсо экөөңөрдү алып барам ээ кызым, эми бир шорпо жасай салчы.

- Макул апа, - деп Асылай шыпылдай ашканага кирип кетти, Алтынай өз бөлмөсүндө жатып алган, Салтанат кирип жанына отуруп чачынан сылап көпкө отурду.

- Кызым, сен али жашсың, Асылай туура айтат, азыр менин артымдан көп сөз ээрчийт, ага сенин жаман жүргөнүңдү билсең журналисттер сөзсүз жазып чыгат, эсиңе кел кызым, мен силер үчүн иштейм, силерди адам кылып өстүрүшүм керек.

- Ошол өз карьераң үчүн атамдан ажыраштың беле? - деди капыстан Алтынай.

- Эмне, сага ким айтты ошону?

- Уктум, билинбейт дедиңби апа, атам менен жашасаң болбойт беле?

- Ошол учурда ошондой болгон кызым, карьера дагы керек эле, бирок атаң шылтоо кылып өзү үйдөн чыгып кеткен.

- Калп, атамды сен таштапсың, бизди атасыз калтырдың апа.

- Болду кызым, мени күнөөлөбө, силерди атаңсыз деле эч нерседен кем кылбай багып отурам го?

- Атам болсо жакшы болмок, жетишсиз болсо деле ата-энең чогуу болсо жакшы да, биздин кыздар атам, - деп кеп кылган сайын менин ыйлагым келет. Сен өзүңдүн карьераң менен алексиң, таенем барда жакшы болчу, а сен биз менен ишиң дагы жок, мен атама кетем, - деп Алтынай айтканда Салтанат эмне кылаарын билбей калды. Ал кызынан мындай сөз угам деп ойлогон эмес, унчукпай көпкө ойлуу отурду да:

- Кызым, атаңдын өз үй-бүлөөсү бар, ал силерди жакшы карабай койсочу, шагың сынып капа болуп калбайсыңбы? - деди Салтанат.

- Жок, мен атама жолугушум керек.

- Кой кызым, сен али жашсың, баарын таразалап чече албайсың, чоңоюп бой жеткенде бар, мен кой дебейм, - деп кызын тынчтандырды да Асылай даярдаган ысык тамактан ичип алып театрга жөнөдү. Жай турмуш, бай турмуш өз нугу менен өтө берди, Салтанаттын кадыр-баркы андан дагы артып таланттуу кыргыз музыкасынын ханышасына айланды, Алтынай ошол кезде терс жолго түшүп боюна болуп калганын сезбей качан гана кусуп, тамакка табити тартпай калганда билип көз жашын көл кылып жүрдү. Муну билгенде Салтанаттын башына келтек тийгендей эле болду, Алтынайдан сурап ким экенин билди да ал баланын телефонун алып кездешүүгө өзү чакырды. Айбек дагы менменсиген бизнесмендин баласы болуп чыкты, ал өзү келбей атасына айтты эле өзү жолукмак болду. Алымбек бир фирманын президенти, кол алдында миңден ашык жумушчулары бар. Салтанат аны күтүп турган эле, алыстан көрүп эле белгилүү ырчыны таанып жайдары келип учурашты:

- Саламатсызбы Салтанат айым?

- Саламатчылык, сизди мен тааныбай турам.

- Мен Айбектин атасымын, бу балдардын туура эмес кылган иши сиз менен ушундай жагдайда жолугууга алып келди го?

- Демек билгенсиз?

- Бүгүн гана уктум, менимче балдар жаңылышып жатат, - деп ойлойм, демек сиз кандай, - деп ойлойсуз?

- Кызымдын мындай абалга түшүшү мени бир аз чөктүрүп турат, сиз уулуңуз менен сүйлөштүңүзбү?

- Жаңылыштык деп ойлойм, балким кызыңыз туура эмес айткандыр.

- Мен кызыма ишенем, эгерде жакшылыкча бүтүрбөсөңүз изилдетип баардык күчүм менен текшертем, сиз жакшылап ойлонуңуз.

- Сиз өз аброюңузду ойлодуңузбу?

- Кызымдын абийири үчүн баарына барууга даярмын, зордуктаган, - деп жүз сегизинчи статья менен кетип калса кантесиз?

- Мен дагы аракет кылам, жөн жатпайм.

- Анда ар кимибиз өз күчүбүздү сынап көрөлү, - деп экөө сөзгө келише албай эки бөлүнүштү. Салтанат кызынан коркуп жүрдү, кокус өзүн-өзү өлтүрүп алабы, - деп ойлосо жаны жай албайт. Алымбек үйүнө келип дароо эле уулун өзүнчө сыртка чакырып алды.

- Эмне кылып жүрөсүң ыя, кызга тийгениң чынбы? - деди ачуулуу.

- Ата, мен Алтынайды сүйөм.

- Эмне-е…

- Мени кечир ата, Алтынайга үйлөнөм.

- Ат-таңдын гөрү десе, анда мени үйүнө жөнөтпөйт белең, апаң экөөбүз жаңыча эле сөйкө салып туугандар менен бармакпыз, кыздын апасы менен кер-мур айтышып калдык, - деп Алымбек жиндене ары-бери басып жатты.

- Ата чын айтасыңбы? - Айбек кубанып кетти, - Алтынайга барасызбы?

- Токто балам, ошол чалкалап өзүнүн боюн көтөргөн аял эми бизди кечиреби, бир аз айтышып калдык, кабыл алабы? - деп Алымбек өзүн жаман сезип ошол узун бойлуу, керсейген аялды көз алдына келтирип алды, - Сенин ал айыбың үчүн кандай болсо дагы даярмын, кой апаң менен кеңешели да ишти эртелетели, - деп Алымбек үйдү көздөй басты, Калыс үйдө эки кичинекей уул-кызы менен отурган, эң улуусу Айбек, аскерден алтернативге калтырып төлөмүн төлөп коюшкан, Алымбек кирип келип үстөлгө отуруп аялына астыртан карап калды.

- Сага эмне болду, бирдеме болдубу? - Калыс күйөөсүнө таңгала карады.

- Калыс, биздин балабыз бойго жетиптир, үйлөнөм дейт.

- Эмне, Айбек үйлөнөм дейби?

- Ооба, болгондо дагы келиниң келээри менен небере таап берет экен.

- Эмне дейт, Айбек ошого кантип барды? - Калыс ишенип-ишенбей шалдая отуруп калды, - Алымбек, жаңылышып бир бузулган немеге жолоп алган болуп жүрбөсүн, бала немени коркутуп жаткандыр?

- Калыс, ал кыз андай эмес, жаш кыз экен, балаң өзү мойнуна алып, сүйөм деп жатпайбы, анын үстүнө ал кыз жанагы комузчу Салтанат Айтиеванын кызы экен, керсейген аял эч нерседен тайманаар эмес, намыс үчүн текшертип туруп милицияга берип койсо балаңдын акыбалы кандай болот? - деди Алымбек оор күрсүнө, - Макул болгондон башка аргабыз жок.

- Кызык, эмне кылабыз анан?

- Кызга сөйкө салып үйгө алып келебиз.

- Качан? - Калыс көзүн алайта карады.

- Адегенде үйүнө телефон чалып байланышып барарыбызды айтабыз, өз жол-жобосу менен барабыз, - деди да чарчагандай уктоочу бөлмөсүнө кирди. Айбек Алтынайга телефон чалды. Үйдө эч ким жокто телефонго жабыша калчу, коңгуроодон улам ыйлап жаткан Алтынай туруп телефонго жетти:

- Алло, ким бул? - Ыйламсырай суроо узатты.

- Алтынай, кандайсың? - деген Айбектин үнү кубанычтуу чыкты.

- Жакшы, Айбек эмнеге чалдың, мен сени жек көрөм.

- Алтынай мени укчу, атамдар болуп сага сөйкө салганы барабыз.

- Чын элеби?

- Ооба, мен сени сүйөөрүмдү айттым.

- Атаң апамды капа кылыптыр го?

- Түшүнбөй калыптыр, мен өзүм айттым Алтынай, бир-эки күндө барабыз, капаланбай туруп тур ээ?

- Болуптур Айбек, сага ишенем, - деген сөзүн Асылай угуп турду.

- Жакшы жат анда, жакшы уктап мен жөнүндө түш көр ээ?

- Өзүң дагы жакшы жат.

- Макул анда, - деп Айбек трубканы коюп койду, трубканын түү-үт, тү-үт дегенин кулагына такаган бойдон Алтынайдын көздөрүнөн кубанычтын мончок жашы төмөн карай кулап жатты, аны көргөн Асылай дагы эжесине боору ооруп акырын ордуна жатып калды…

Садырдын аялы, беш баласы бар, үй-бүлөөсүн таксоват этип багып бир топ ирденип алган, аялы өтө жоош-момун неме улуу кызы турмушка чыгып, бир баласы үйлөнүп өзүнчө түтүн булатып кеткен. Садыр үй-бүлөөсүн камсыз кылгандан бери дем байлап дердейип келин кызга көзүн кыбыңдата баштаган, кырктын кырынан өткөндө жүрөнөөк болуп аялын жазгырып, жашоосуна ыраазы болгондун ордуна негедир көпкөнсүп калган. Үйүнө кеч келип, эрте кетет, бирин-экин малын Гүлайым карап үйдө убара, үч баласы мектепте, чоңоюп кол арага жарап Гүлайымдын жардамчылары. Таксисттин тамагы да, жашоодо болуп калган заманда Садыр чоң ресторандын жанында күнү-түнү турганы турган, бир күнү ал Айдай менен капысынан таанышып калды. Турмушу ушул келин аркылуу тозокко айланаарын билсе кана, аны кокусунан өлтүрүп алаарын да ойлогон эмес. Айдай жаркылдаган отуз бештердеги жакшынакай бой келин, Садырдын баласы милицияда иштейт, ал базардагы коопсуздукту кармайт, анын ортолорунда ошондой окуя болуп кетээрин билген эмес эле…

- Садыр, мен сенден башка менен мындай романга өткөн жок элем, - деди бир күнү кучакташып отурганда.

- Сүйүп калдыңбы?

- Мүмкүн, сүйсө болбойбу?

- Болбойт, үй-бүлөөм барын билесиң да.

- Биле-ем, - Айдай шыңк этип ызалуу күлүп койду.

- Билсең ошол, сен экөбүздүн ортобузда жөн гана мамиле болушу керек.

- Садыр…

- Оов.

- Сен мени сүйбөйсүңбү?

- Жо-ок, жакшы көрөм.

- Ошол дагы жетет, - Айдай улутунуп алды.

- Койчу эми, кел андан көрө жаталы.

- Макул, жатабыз Садыш, кумарга батабыз, анан сен куйругуңду түйүп өз очогуңа кетесиң, түш көргөндөй улутунуп түн күзөтүп кала берем, - Айдай ызалуу көз кычыктарына келген жашын сүртүп ордунан турду, - Ваннага түшүп кел, мен орун салайын.

- Жарайт, - Садыр туруп ваннага кирип кетти, Айдайдын бир бөлмө үйүндө эчен ирээт түнөшкөн, качан колу тийгенде жетип келет Садыр. Бул түнү дагы Айдайдын жанында болду, солкулдаган ипичке сулуу келинди өзү кантип жакшы көрүп калганын сезбей калды, бирок ага эчтеке билгизгиси да келбейт, үй-бүлөөсүн, үйлөнүп жайланган уул-кызын ойлоп өзүн кармап кийинки кездерде Айдайдын "Сени сүйөм, сен мени сүйөсүңбү?", - дегени жакпай жинденип андан эчен ирээт кол үзмөк болду. Бирок чыдай албай башкалардан кызганып жетип келчү болду. Неберелүү болуп көпкө көрүшпөй калды, улуу баласы уулдуу болуп жентек той берип үйүнөн чыга албады. Уул-келини үйүнө кеткен соң машинасын айдап Айдайды сагынып жетип келди, ал жалгыз отурган экен:

- Келдиңби Садыш, эмнеге келбей кеттиң? - деп мойнуна асылып суроо узатып жатты Айдай.

- Кол бошобойт, сагындыңбы мени? - Аймалашып жатты экөө.

- Аябай сагындым Садыш, жалгыздык жаман экен, жок дегенде эрмек болоор балам болсо эмне? - Келин улутунуп алды.

- Капаланба, мен дагы сага жете албай зорго жүрдүм.

- Садыш, менин сенден төрөгүм келет.

- Чынбы?

- Ооба, сенден бир бала төрөп алсам жалгыздыгым билинбей калат беле, ата-энемдер алыста, менден башкасы өз ордуларын таап кеткен, мен бактысыз болуп калдым.

- Антпе, сен бактылуусуң, сендей сулуу аял эч качан өзүн бактысыз сезбеши керек, мен жаныңда болом Айдай, - деп карылуу колдору менен өзүнө тартып бекем кучактап алды, - Мен ар дайым жаныңда болом.

- Койчу Садыш, мени баладай алдабай эле кой, үй-бүлөөң бар сенин, күнүмдүк гана кумардын кулу болуп, бири-бирибизди ырахатка бөлөгөндөн башка кайсы бакыт бар дейсиң.

- Макул-макул эми, өзүбүздү-өзүбүз алдагандан не пайда? - деп Садыр дагы күрсүнө чындыктан буйтай албай жатып калды. Ошондо бир жумадан кийин Садырдын унаасына үч бала отуруп алып болгон аккчасын, машинасын алып өзүн сабап таштап кеткен жеринен табылып эптеп тирүү калды. Ооруканада көпкө жатып чыкты, унаасы табылбай калды. Айдай эч нерседен капарсыз тагдырына таарынып капаланып жүрүп көп убакыт өтүп кетти, ал бир күнү базардан азык-түлүк алып чыгып келе жаткан, чөнтөгүнө салган капчыгын бирөө жандай өтүп баратып эле сууруп кеткенде тызылдап калды:

- Ууру, жардам бергиле ууру акчамды алып кетти! - деп кыйкырганда милиция жетип келди:

- Кандай экенин көрдүңүзбү?

- Жок, байкабай калдым.

- Канча акчаңыз бар эле?

- Үч миңдей бар болчу.

- Жүрүңүз, арыз жазып бериңиз.

- Макул, - деп арыз жазып өз телефонун таштап кетти. Бул Садырдын үйлөнгөн баласы эле, ал сулуу аялга сугу түшүп калганбы, бир күнү телефон чалды, үйдө жалгыз отурган, жетип трубканы ала койду.

- Алло, - деди коңур эркектин үнү, - Бул Кубанычбекова Айдайдын үйү бекен?

- Ооба, бул ким экен?

- Мен милициядан чалып жатам, ууруларды али таба элекпиз, үйүңүздүн дарегин бериңиз, жакшылап сүйлөшүүм керек.

- Неге, жок жоготкон адамдын жашоосун текшересиңерби?

- Албетте, сиз менен сүйлөшүүм керек.

- Жарайт, - Айдай үйүнүн дарегин айтып отуруп калды, жарым саат өтпөй Шумкар келип калды.

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык.

- Кирсе болобу?

- Киргиле…

- Рахмат, - Шумкар ичкери кирип үйдү сыдыра тиктеп туруп калды.

- Отур, нан-пан ооз тийгиле.

- Албетте, жалгыз турасызбы?

- Ооба.

- Ошондой, көрүнүп турат.

- Кандайча?

- Эркектин жыты жок…

- Уят эмеспи, мени менен мындай сүйлөшүүдөн уялбайсыңбы?

- Эмнеге, биринчиден сиз мага жагып калдыңыз, - деп чөнтөгүнөн издөөдө жүргөн беш-алты сүрөттү алып чыкты, - Мына бул сүрөттөгү адамдардын бири эмеспи?

- Мен анын бетин көргөнүм жок дедим го?

- Ошентсе да карап көрүңүз.

- Ай жигит, сен менин башымды оорутпа, жоготконумду унутуп да калгамын, мени тынч кой!

- Мен сизге эмне кылдым, ууруну табууга жардам берейин дегемин.

- Кереги жок!

- Неге, - Шумкар Айдайдын маңдайына келди, - Айдай, мен сени жактырып калдым, сулуу келин экенсиң, - деп ыржая келип кучактап дароо оозуна жармашты, алсыз аял кубаттуу эркектен бошоно албай тыпырап колдору менен чапкылап жатып колдору шалак этип кеткенде Шумкар чоочуп оозун тартып алды, - Айдай, Айдай сага эмне болду? - Жаакка чапкылап, оозунан үйлөп жатып зорго эс алдырды.

- Мага эмне болду? - деп алсыз үн катты.

- Коркутуп жибердиң, кел суудан жутчу, - Шумкар ага стакандагы сууну сунду.

- Сенде уят жок экен, мен сенден бир топ улуумун, же өз кызматыңардан пайдаланып күчкө салганга көнгөнсүңөрбү?

- Көп болсо арабыз он жаштыр.

- Ошол оңойбу?

- Ал эч нерсе эмес, биз тааныш болобуз, мага жаккан аял менден буйтап кете алган эмес, - Шумкар Айдайды кучактап койнуна колун салып кирди, - Сулуу аялдын жалгыз жатышы өкүнүчтүү, - Кытмыр жылмайды.

- Шакаба кылгың келеби?

- Жок, боорум ооруйт, неге бир ойношуңуз жок дейм да.

- Сага анын тиешеси канча?

- Деги… - Жанталаша өпкүлөп чечиндирип жиберип аппак денени сыйпалай өпкүлөп жатты, - Мен сени көрүп эле ашык болгомун.

- Үй-бүлөөң барбы?

- Ооба, жакында балалуу болдум.

- Жаш экенсиң.

- Неге ойношуң жок?

- Болгон.

- Таштап кеттиби?

- Ооба, бирөөнүн жары аманат дейт эмеспи.

- Келип турам ээ?

- Мынча болгон соң эмне демекмин, - Айдай жаш жигиттин койнунда рахатка бөлөнүп жатты. Шумкар жаш балалуу аялын күн алыс таштап коюп жумушуна шылтоолоп үйүнө барбай калчу болду. Арадан эки-үч ай өткөндө Садыр Айдайдан кабар алганы келди, көзүң жамандыкты көрбөсүн эшик тыкылдаганда Шумкар: "Мен ачам", - деп тура калып каалганы ачып жиберип чоочуп кетти. Ата-бала эмне кылаарын билбей катып калды:

- Шумкар, ким экен? - деген Айдайдын үнү угулганда Садыр артына шарт бурулуп жөнөп кетти.

- Жаңылышкан бирөө, - деген баласынын үнү угулду кулагына: "Жалап, сойку десе, муну азгырган экен, кайдан таанышып жүрөт, акмактар!", - деп жаны жай албай жинденип үйүнө келбей пивнойго барып түн бир оокумга чейин ичип үйүнө мас акыбалында келди. Гүлайым анын мындай акыбалын мурда көрбөгөнгө чоочуп кетти:

- Мынчалык эмнеге ичтиң, жолго жатып калсаң эмне болот?

- Турчу нары! - деп колун силкип жиберди.

- Жинди болдуңбу?

- Ооба, мен жинди болдум, бар ишиңди кыл.

- Болуптур, - Гүлайым ары басып кетти. Ал анын ичкенин стрестен деп ойлоду, токмок жегенден улам өзүнө келе албай жүрөт деп ойлонуп тим койду. Эртеси үч-төрт айлык баласын көтөрүп келини Аида келди.

- Апа, Шумкар көптөн бери үйгө келбейт, ага эмне болгонун билейин дедим эле, - деди ыйлактай.

- Эмне болду ага, жумушунан билдиңби?

- Жок, барганым жок.

- Мен барып билип келейин анда, - деди Гүлайым, - Суукта жаш балаң менен жалгыз үйгө барбай отуруп тур.

- Макул, - деп Аида унчукпай калды, Садыр үндөгөн жок, колуна тийсе Айдайды муунтуп өлтүргүсү келип турду. Бирок баласынын көзүнчө ага бара алмак эмес эле: "Канчык, аны кайдан таап алды, ушунчадан балам экөөбүздү бажа кылганын кара, акмак энесиндей аялга азгырылып катын баласын унутканын кара", - деп кыжынып, тишин кычыратып жатып алып жинденип жатты. Гүлайым базардагы баласынын бөлүмчөсүнө келип Шумкарга жолукту, ал апасынан көзүн ала качып кечинде үйгө бараарын айтты. Гүлайым кайдан билсин:

- Аида үйдө отурат, жумуштан чыгаарың менен барып кал, - деди.

- Мен үйгө барам, Аиданы жиберип ийиңиз.

- Үйгө бар, кой сойгонбуз, чогуу тамактанып алып кетесиңер.

- Апа, Аидадан берип ийгиле, мен барбайм.

- Эмнеге ботом? - Гүлайым уулун маңыроо карады.

- Жөн эле, Аида үйгө бара берсин.

- Макул, - деп Гүлайым үйүн көздөй жөнөдү, келип баштыкка майда баратын салып Аидага кичүү уулун кошуп жөнөттү. Шумкар өтө кеч келди, ал келээри менен эле үңүрөңдөп кирди:

- Мен ойноп жүрөмбү, апама арызданып барганыңды токтот мындан ары:

- Арызданганым жок, жалгыз бала менен отурсам барам да, болбосо мен өз атамдыкына кетем, - деп чыкты Аида.

- Мен сенин маңдайыңда отурушум керекпи?

- Иштен кийин үйдө бол.

- Мага эмне тултуңдайсың, үй жылуу, кардың ток, жата бер да.

- Эмнеге жата берем, эмне сен түнү дагы иштейсиңби?

- Кээде ошондой да болот, койчу эми таарына бербей.

- Экинчи жолу келбей калсаң биротоло кетем.

- Болду эми, экинчи андай болбойт, - деп Шумкар аялынан кечирим сурап жатып калды. Андан кийин дагы кайталанды, бирок Аида анын келбей калганын дароо кайненесине айтат, алар тилдеп тим болот, ата-бала бири-бирине жолуккандан тайсалдап бет караша элек. Дагы бир күнү Садыр Айдайга келди, Шумкардын үйүнө кеткенин билип анан эшигин такылдатты.

- Ким? - деген тааныш үнү угулду.

- Мен Садыр.

- Эмнеге келдиң? - Эшикти ачпай ушинтти.

- Айдай, ач эшикти.

- Кетип кал Садыр.

- Ачпасаң кетпейм.

- Эмнеге?

- Ач, сүйлөшөм дагы кетем.

- Эмне керек? - деп эшигин ачып бөйрөгүн таяна оозду тосуп туруп алды, - Менин сени күтүп отурганым жок!

- Анан кимди күтүп жатасың?

- Ал менин ишим.

- Түшүнүктүү, - Садыр ачуусун кармана кирип келди, келинди түртүп төркү бөлмөгө кирди, - Түшүнүктүү, Шумкарды күтүп жатканың белгилүү.

- Сен кайдан билесиң? - Айдайдын көздөрү чакчая түштү.

- Сенин ушундай канчык экениңди билбепмин, - Жай басып эшикти ичинен илип келип Айдайдын маңдайына тике келди, - Шумкар менин балам, анын үй-бүлөөсүн бузбай тынч кой, ал али жаш, турмушун, жашоосун жаңы гана баштады, - деп ээгинен ала катуу кармап түртүп ийди, - Сен кимсиң өзү, албарстысыңбы же азгырыксыңбы?

- Садыр, мен билген жокмун, ал өзү жабышып келип жүрөт, - деп Айдай болгонун айтып берди, Садырдан жамандыкты күтпөдү, түшүнөт деп ойлоду.

- Отур! - деп буйруду Садыр ага. Айдай унчукпай анын жанына отурду, - Сен адам баласы кылбаганды кылдың, - деп башынан өткөнүн айтып көпкө алаксытып отурду, ниетин бурду, дал ушул түнү аны жайлап кеткиси келип бирок бир ою аны токтотот, кыскасы бир ойго токтоно албай көз алдына турсычан жылаңач чыга калган баласын келтирип жини кайнап чыкты, жанында отурган аялды акырын кучактап жыгып шейшепти колуна ороду да шарт тамактан алды, Айдай кыйкырганга үлгүрө албай какап-чакап көгөрүп баратты. Көптө барып шалактап калганда аны кое берип шейшепти колуна ороп ала чыкты да үйдү бекитип басып кетти, таштандыга шейшепти ыргытып коюп үйүнө келип жатып алды. Улам муунуп баратканда көздөрүнүн чакчайганы көз алдына келип уктай албады. Ошондон көп өтпөй эле Садырды бирөө тиктеп тургандай өзүнчө жаман болуп жүрдү, артынан бир караан ээрчип алгандай түнкүсүн сыртка чыгышы да кыйын болуп бир нерседен корккондой абалга келип калды. Айдайдын өлүгүн үч күндөн кийин коңшулары кокусунан кирип көрүп калып милиция чакырып алып кетишти. Милиция анын үйүнө кимдердин келип кеткенин сураштырганда коңшуларынын бири:

- Ким келгенин ким билет, ар кандай адамдар келчү, дана билбейбиз, - деди.

- Ооба-ооба, - деди орус кемпир, - Ар кандай адамдар келчү, кайдан таанымак элек, агам-иним деп калчу.

- Бирөө жарымын тааныйсызбы?

- Жок-жок, өңү-түсүн деле көргөн эмеспиз, бир милиция жаш жигит дагы келгенин көргөмүн, өңүнөн эмес, эки жолу артынан көрүп калгамын.

- Милиция дейсизби?

- Ооба, кийимин көрүп калгамын, менимче ал жакшы эле жигит болсо керек эле, гүл көтөрүп келгенин эки жолу көргөмүн.

- Мындай болоорун билсек таанып калмакпыз.

- Ой өзү көп жүрчү бечара, өлөөрүн билген эместир өзү дагы, - деп тарап-тарап кетишти. Эч кандай шеги билинбей кала берди. Туугандары коңшуларынын сөзүн угуп изилдегенди койду да өлүктү айылына алып кетишти…

Шумкар Айдайдын киши колдуу болгонун угуп абдан коркуп калды, ал атасынан күмөнсүп жүрдү, бирок дагы эле ага бет келе албайт. Жашоосунда бир башкача өзгөрүүлөр жүрүп жаткандай болуп күндүзү же түндөсү корккондой түр менен эки жакка чыкпай дагы калды. Аида күйөөсүнүн үйдөн жылбай калганына кубанып калды, анткени жумушунан чыгып эле үйүнө келет, уулун эркелетип, аялынын кашында, кез-кез ата-энесиникине ээрчишип барып келишет. Жаз келип жандуунун баары жер бетине чыгып, айлана жашылдана баштаган, бир күнү Садыр сырттан бирөө кууп келе жаткандай жүгүрүп кирди.

- Ой сага эмне болду? - деди Гүлайым күлүп.

- Эчтеке, - деп өңү бозоро отуруп калды.

- Бирдемеден коркконсуң го?

- Эмнеден коркмок элем? - Аялын жактырбагандай дулдуйду.

- Өңүң бузулуп киргениңден айтам да.

- Ой жөн эле аңдый бербечи, - дегени менен жүрөгү болк этип алды, ал эми эле ажатканага кирип баратып ал жерде отурган Айдайдын элесин эстеп мууну калчылдап кетти: "Ка-ап, бекер кылган экенмин, кан куткарбайт деген чын окшойт, мени соо койбойт го", - деп ойлонуп кетти. Ошол түнү таптакыр көзү илинбеди, таңга маал көзү илинип кеткен экен терезенин тушуна туруп алып Айдай өзүнө колун созуп жатыптыр: "Менден качпачы, мен сени сүйөөрүмдү билесиң го, качпа менден", - деп колун терезеден сунду эле өзүн көздөй жөн эле жетип кармамак болгондо бир күч анын колун ары түртүп ортого түшө калды, байкап караса апасынын элеси: "Менин уулума тийбе", - деп аны менен алышып жатканда ойгонуп кетти. Кара терге түшүп жүрөгү лакылдап калыптыр, өйдө болуп демиге отуруп, терин аарчыды: "Байкуш апам, аякта дагы тынч жатпай мени коргогонун кара, эмне кылсам экен, жети тыйын садага берип Айдайдын арбагына куран окутуп коеюн", - деп сыртка чыкмак болду, бирок али жарык кире элек болгондуктан кыймылдабай көзүн ачып жата берди, аялы эч нерседен капарсыз уктап жатат. Баары туруп чай-пай ичкенден кийин Садыр базарга барып кайырчыларга жети сомдон үчтү берип анан мечитке барып Айдайга куран окутуп кайтты. Жай ортосунда мектепти бүткөн кызына жигити колун сурап келип кол менен алып кетишти, ошондо гана Шумкар атасы менен беттешти, бирок экөө тең билмексен болуп үндөшкөн жок. Кызын турмушка узатып жол-жобосун кылып тыныган кезде кайрадан бир коркуу сезим бийлеп алды, күнү-түнү жалгыз басып баратса эле теше тиктеп бирөө кошо келе жаткандай сезилет, улам артын карап коюп шашып өзүн жаман сезип жүргөндө ал жаман түш көрдү, түн бир убакта уктап жатса ачуу чаңырык чыкты: "Садыр!", - деген, аны өзүнөн башка уктубу-укпадыбы тура калды, жан-жагын караса аялы эч нерседен капарсыз уктап жатат, терезеден Айдай кадимкидей көрүнүп колун булгап аны өзүнө чакыргандай болду эле туруп терезеге жакындады, караса Айдай Шумкарды колунан жетелеп алыптыр: "Мен сени алып кетейин десем болбодуң, эми Шумкар мени менен болот", - деп жетелеген бойдон алыстап барып көрүнбөй калды, ошондо Садыр: "Токто-о Шумка-ар!", - деп катуу кыйкырган экен Гүлайым чоочуп ойгонду.

- Эмне болду?

- Эчтеке, эмне болмок эле?

- Катуу кыйкырып ийдиң адамды коркутуп.

- Кыйкырдымбы?

- Жаман кыйкырдың, жүрөгүм түшүп калды.

- Өлүктөй уктайсың эмне, эрте турчу, Шумкарды чакырып келип түлөө өткөрүп коелу, - деди Садыр түнөрө.

- Жайчылыкпы деги?

- Деги да, түлөө өткөрүп койсок жакшы болот.

- Мейли мал жайлоодо, сатып аласыңбы?

- Ооба, мен сатып келе коем, бүгүн өзү да ишемби го, Шумкар үйдө болот, балаңды жиберип чакыртып кел, - деп андан кийин жүрөгү опкоолжуп сыртка чыкты, бети колун жууп келип куран окуду. Гүлайым күйөөсүнүн кийинки кездери өзгөрүп баратканын байкап өзүнчө: "Буга эмне болгон, кудай сактай гөр", - деп ойлонуп калды. Ал күнү Шумкар жумушуна эрте кетип калыптыр, Аидага айтып эртеси эрте келип калсын деп айтышты. Бирок ал ошол күнү кечке маал авариядан көз жумду деген кабар келди, достору менен ичип шаардын четине чыгышып келе жатканда бир машина менен сүзүшүп алып алдында отурган Шумкардын башы катуу тийип мүрт кетиптир. Жанындагылар аз гана жаракат алышыптыр. Ошентип көз көрүнөө баласын жыйырма үч жашында колдон алдырып боздоп-ыйлап кала беришти. Садыр өкүнүп жатты, бирок сыртына чыгарбай ичтен күйүп жатты. Шумкарды жерге бергенден кийин Гүлайым ыйлап-сыктап күйөөсүнө кайрылды:

- Ушу сен билдиң, кана айтчы, балама эмне болду, түшүңдөн билдиңби?

- Койсоңчу, мен өлөөрүн билмек белем, түшүмдө катын-калач менен жүрүптүр, ошону үчүн эле түлөө өткөрүп коелу дегем, - деп тайсалдады Садыр.

- Каралдым ай, кантип кеттиң бизди таштап? - Көз жашы көлдөп ыйлап кирди, - Эми гана көзүн ачып, жашоого умтула баштады эле, Нургелдини бизге белекке таштадыңбы каралдым…

- Кой эми байбиче, мындай болоорун ким билиптир.

- Кантейин аргам жок.

- Кудайдын кылганына каршы тура алабызбы байбиче, неберебиз турат, балдар бар, кайрат кылбасак болобу? - деп Садырдын каңырыгы түтөй отуруп алып өз күнөөсүнүн баласына тийген залакасын ойлоп ичинен түтөп турат. Бирок баары бир илгери үмүт алга карай сүйрөп, жакшылыктан үмүтү үзүлбөй баласынын тагдыр пешенеси ошондой жазылганына ынанып өзүн алаксытып келет. Келини уулу менен колунда калды, кара кийинип эртели кеч үн чыгарып коюп үйдөн чыкпай бүк түшүп көз жашын төккөн Аиданы көргөндө андан бетер сай сөөгү сыздап кетет. Арадан аз убакыт өткөндө дагы баягы кара баскан коркунуч пайда болду, кооптонуп бул жолу коркпой өзүн токтоо кармап: "Жо-ок, эми мага гана көрүнсүн, менин күнөөм үчүн балдарым азап тартпашы керек", - деп өзүнчө сүйлөнүп алып күндөн-күнгө жинди болгон немедей сүйлөнгөнүн көргөн Гүлайым:

- Ушу сенин жүрүшүң башкача болуп кетти, эмне сырың бар, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген, - деп күйөөсүн жаман көзү менен карады, - Сенин зыяның тийбесин балдарга.

- Байбиче, менин эмнеге зыяным тиймек эле, жөн гана бир коркунуч басчу болуп алды, - деди аргасыз Садыр.

- Молдо-солдого дем салдырсаң боло андай болсо.

- Ошентейинчи.

- Тезирээк тазалан, күндөп-түндөп жүрүп жаман жерди басып алгансың го, - деди Гүлайым кабатыр боло карап.

- Ошондой го, мен Алымбектикине барып келейинчи, - деп Садыр сыртка чыкты, Алымбек менен Садырбек бир тууган, ал сыртка чыкканда үйүнүн жанына машина токтоп Алымбек менен Калыс экөө келип калышты. Алар Шумкардын кыркы өткөндөн кийин суу жуткузду кылып куран окутканы бирди союп алып келишкен. Алар эки райондо жашашат, алар ушул келиште Айбекти үйлөнтмөк болгонун айтып кеңешип келүү үчүн келишкен. Садыр аларды тосуп алып ичке киришти, Аида дасторкон жайып алардын алып келгенин ортого жайып коюп кайната-кайненесин карап унчукпай отурду. Куран окулуп бата кылгандан кийин гана кепке өтүштү.

- Аке, Айбекти үйлөнтөлү дегенбиз, - деди Алымбек.

- Качан?

- Силерге кеңешип анан кызга сөйкө салганы барабыз го, эжемди дагы чакырганбыз.

- Айбек сүйлөшкөн бекен?

- Ооба, сүйлөшкөн экен.

- Мейли, барабыз да, - деп Садыр аялын карады.

- Түшүнүп эле турабыз жеңе, эне-атага баланын кайгысын салбасын, Шумкар эми жаңы жыйырма үчкө чыккан эле, өтө жаш кетти, кайрат кылгандан башка чара жок, - деп Калыс муңая сүйлөдү.

- Кантейин, - Гүлайым муңканып жиберди.

- Эртеңкиге бир ресторанга сүйлөшүп койгонбуз, кыздын атасы жок, апасына айтмак, ошол жерден жолугабыз.

- Мейли, Садыр барсын, Аида каралуу отурса, мен таштап кетсем келген кеткен кеп кылат го?

- Акем барсын, Даткайымды кошуп алалы, Канайым болсо алыста, - деп Алымбек ашыкча сөз айта албады. Алар көпкө отуруп анан кетишти, эки күндөн кийин сөйкөнү салып дароо эле Алтынайды үйүнө алып келишти, аппак чачыктуу жоолукту башына салган Алтынай үлпүлдөп татынакай келин болду. Салтанат күйөө баласына ыраазы болду, жаш болсо дагы чындыкты айтып, өз сүйүүсүн коргоп алганына. Кош бойлуу болгондуктан бир аз денеси жайылып, бетине болоор-болбос сепкил түшүп калганы өзүнө жарашып Калыс ага ичи жылып калды: "Экөө тең жаш, келечеги алдыда, эрте үйлөнүп алганы болбосо бактылуу эле болушсунчу", - деп купуя кудайга жалынып жатты. Айбек кудуңдап Алтынайдын жанынан чыкпай, достору-классташтары келип бир күнү кечке ойноп-күлүп, таң-тамаша кылышты. Арадан дагы он күндөй өткөндө ресторандан үлпөт тоюн өткөрүп Салтанат кызы Асылай экөө тойдо болду, бул тойдо Садыр менен Гүлайым дагы болду, улуу кызы Даткайым менен Канайым болду, чоң тойдо ырчысы ырдап, жамакчысы Алымбек менен Салтанаттын куда-кудагый болгонун жар салып ырдап шаңдуу той болуп өттү. Үйүнө келгенден соң эки-үч күн ээн боло албаган жаштар тынчы кетип бири-бирин аста карап жымыйып коюшат. Экөө ээн калаары менен Айбек:

- Алтынай ыраазысыңбы? - деди акырын.

- Ооба Айбек, сага ишенгемин.

- Чын элеби?

- Ананчы, сенин мени сүйөөрүңдү жакшы билем да, - деп күлүп койду Алтынай.

- Атама айткандан аябай корккомун да.

- Менин абалымды билгенде апам урушпадыбы.

- Эмне деп урушту?

- Алданып калдың го, эми ошол бала мойнуна албаса кантебиз деп тилдеп, өзү ыйлап, мен дагы ыйладым.

- Кечирип койчу жаным, сени жаман абалга алып келип койгонума, мындан ары экөөбүз бактылуу болобуз, - деп кучактап алды, экөө бөлмөнүн ортосунда көпкө эзилишип туруп анан төшөккө киришти. Бул өмүрдө жамандыктан башканын баары эрте болгону жакшы дейт эмеспи, жыйырмага чыга элек эки жаш ошентип сүйүүнү бири-бирине колко кылып үйлөнүп алышты. Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет дегендей, түбөлүк жашап кете алышабы, ара жолдо жаңылдым, жаздым деп эки бөлүнүп кетеби аны тагдыр жолу көрсөтөөр.

Салтанат кызын күйөөгө бергенден кийин көңүлү жайлана түштү, бирок кызы үйдө жалгыз калгандыктан сары санаа болуп таекесинин бир кызын үйүнө киргизип алды, ал Асылай экөө отура берет, сабак даярдап, базарга чыгып Салтанатты күтүп калышат. Акыры Салтанат театрдан чыгып алды, аны экинчи кызынын тагдыры тынчсыздандырып кароосуз калтыруудан коркту көрүнөт. Тамада деген жаңыдан чыгып күзүндө той болгон жерлерде шаңшып ырдап жүрүп топтогон акчасына айылга барып апасына күмбөз салдырып, аш берди, андан келген соң Асылайды колледжге киргизип өзү үйдө болуп калды. Ансыз да эки күндүн биринде чакырган жерде ырдап тапканы жетиштүү эле болчу. Капысынан карт акын жолугуп анын ырларын жаздырмак болуп макулдашып калышты, Алтынбек өтө белгилүү болбосо дагы ырларына обон чыгып ырдалып жүргөн акын эле, ал жетимиштен ашса дагы бойдок, аялынын өлгөнүнө туура он жыл болуптур. Салтанат менен жолугуп чай ичишип калганда тамашакөй неме ага тийишип калды.

- Салтанат, сен дагы бойдок экенсиң, мен деле бойдокмун, макул десең кол кармашып алалы, калган кырды биргелеп ашып баралы, - дегенде Салтанат күлүп калп уялган болду.

- Оой агай, сизден мындайды күткөн жок элем, бирок ылайык болсо мен деле чыгып алсамбы деп жүргөм.

- Оп баракелде, ажаат ачаар кыз экенсиң кысталак, жатсаң кана коюнумда бир туйлап, - Алтынбек каткыра санын чаап алды.

- Агай, сиз экөөбүз чектен чыгып бараткан жокпузбу?

- Оо кокуй, кыздардын сыры маалым садагасы, бир жакындап алган соң, акелеп кыйнайт баарысы, - дегенде Салтанат чындап эле жини келди:

- Сиз экөөбүз сый эле бөлүнөлү, тамашаны көбөйтпөй ушунчада, өз жолубуз менен эле жүрөлү агай, - деп Салтанат ордунан турганда:

- Кары деп чанып турасың, кайгыга салып мени сен, аман болгун карындаш, кетейин анда эми мен, - деп кайрылбай басып кеткенде Салтанат бир азга карап туруп: "Ырларынын тексти жакты эле, эми кетсе кайрылбайт, чакырсам келбейт", - деп кайра артынан барып кечирим сурап ырларын алып комузга салып ырдап жүргөндө Салтанатты бир тойдо көрүп калды. Ошондо аны бир мыкчегер жандап унаасы менен алып жүргөн экен, аны билип калып атайын жолугуп калганда Салтанат шашыла салам айтып учурашып калды:

- Саламатсызбы агай, ден-соолуктарыңыз жакшыбы?

- Буйруса кубаттуумун, кубаты жок уяттуунун, алдында чөгө койбойм, тиги сени коштогон максаптуунун, - деп басып кеткенде Салтанат бир топ элдин көзүнчө айтканга аябай сынып көпкө эл аралабай калды. Ал унутулуп бир күнү ага бир көрөрманы кат жазыптыр, аны Салтанат тааныбаса керек жооп бербей коюптур, ал колунда бар чакан ишканалуу адам экен, бир күнү түз эле жолугуп өзү жөнүндө айтканда ал шыпылдап калды:

- Сиз белеңиз, менде убакыт жок, өзүңүз билесиз, жадагалса үйдөгү кызыма да убакыт таппайм.

- Эч нерсе эмес Салтанат, көрүшкөнүбүз үчүн бирге отуруп чайлашсак кантет? - деди сыпайы Болот.

- Убактым тар эле, башка күнү жолугалы, азыр сиз мага таарынбаңыз ээ?

- Жарайт, унутуп койбоңуз, эгерде үй телефонуңуз болсо бересизби, өзүм чалып турайын.

- Макул, - Салтанат дароо сумкасынан блокнот алып чыгып телефонун жазып узатты, - Мына менин телефонум, күндүзү үйдө көп болбойм, кечкисин же эртең менен эрте чалсаңыз.

- Макул, көрүшкөнчө, - деп Болот басып кетти. Ошондон кийин Болот менен жолугуп жүрдү, экөөнүн мамилеси романга айланып баратканда Болоттун аялы угуп калып атайын театрга барды, бирок Салтанат ал убакта отпускасы бүтө элек болчу, үй телефонун алып кечинде чалды, көптө барып анан трубканы алды:

- Алло, угуп жатам, ооба-ооба мен, ким дейсиз? - Салтанат бир саамга жанында отурган Болотту карап калды:

- Эмне болду ким экен ал? - Болот тынчы кете сурап ийди.

- Эч кандай андай адамды билбейт экенмин, сиз жөн гана бирөөгө ишенип алгансыз го?

- Азыр үйүңдүн дарегине такси менен барам, эртең абийирим төгүлбөсүн десең күйөөмдү жөнөтүп жибер, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын! - деп телефондун трубкасын коюп койду.

- Болот, азыр үйүңө тез кет, көрө албаган бирөө менин изиме түшкөн окшойт, - деп Салтанат Болотко карады.

- Сакиш, менин аялым менин изиме түшсө эч качан аны кечирбесимди билет, коркпой эле кой, ал келбейт.

- Койсоңчу, келип калса кантебиз?

- Келбейт дедим го, андан көрө жүрү саунага кеттик.

- Жо-ок, мен жокто кызыма чалса кантем?

- Чалбайт, келбейт дагы, бирөөлөр шантаж кылып жаткан болсо керек, - деп Болот аны саунага ээрчитип кетип калды. Ошондон баштап Болот көпкө дейре келбей да, чалбай да дайынсыз жоголуп арадан бир ай өткөндө келди. Салтанат аны суз кабыл алып:

- Эмнеге келдиң Болот, менин абийиримди төккүң келдиби? - деди.

- Жок-жок Сакиш, аялыма бирөөлөр айтып дарегиңди телефонуңду берип коюптур, - деди башын жерге салган Болот.

- Анан эмнеге келдиң, артыбыздан түшсөчү?

- Түшпөйт, биз башка жерден жолугуп турабыз, - Ой боюна койбой Салтанатты кафеге алып барып экөө тамактанып, кызыл шараптан ичип көпкө отурушту, Асылай ошол кезде айылдагы тагасыныкына кеткен. Түн бир оокумда үйүнө келип эми чечинип жатканы калганда эшик тыкылдап калды. Болот арткы балконго чыгып коңшу үйдүн балконуна аттап кетти:

- Ким? - деди көптөн кийин Салтанат.

- Ач эшикти! - Аялдын үнү өктө чыкты.

- Ким керек сизге? - Салтанат эшикти ачып ага тике карады.

- Милиция алып келип абийириңди төгөм, азыр Болотту тап!

- Токтоңуз, адегенде Болот деген ким, айтыңызчы мага?

- Билмексен болуп калганын, - Тиги аял жулкунуп ичкери кирип келип үйдүн баарын карады, - Каякка бекиттиң, тапкын күйөөмдү!

- Эсиңизге келиңиз, эгерде күйөөңүздү таппасаңыз эртең милицияга мен берем, мени шылдыңдаганыңыз үчүн.

- Ыкы, дегеле муну кара ой, осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат, - деген ушу да, - деп балконго чыгып баарын карады, кошо келген немесе селдейип турат, Салтанат анын аты-жөнүн сурап алды.

- Менин кадыр-баркымды тебелеп-тепсегениңиз үчүн жооп бересиз, азыр чыгып кетиңиз үйдөн! - дегенде баары бир таппасына көзү жеткен аял сүйлөнүп чыгып кетти. Салтанаттын жүрөгү эми гана ордуна келип "Өх" деп алды. Тээ бир убакта кылдыратып Болот кайра кирди.

- Кеттиби ыя?

- Кетти, эми сен дагы кет.

- Эмнеге, мен сени менен жатпай кетпейм.

- Болот, эртең мен сенин аялыңа айып пул төлөтөмүн, сен кетип кал, бул бойдон калсам абийирим төгүлөт, - деп Салтанат Болотту кетирмек болду эле кетпей жатып калып таң ата зорго кетти. Ошондон кийин бирөө менен жүргөнүн койду, чынында эл алдында уят болуудан өткөн жаман нерсе жок эмеспи, Болот кайра-кайра келип жүрүп кайра имерип алды, күйөөсүн токтото албаганга жиндендиби же намыстандыбы айтор тынчын албады. Беш бала менен кеткенден уялдыбы дагы эле күйөөсү менен жашап жатат, Салтанат кээде абдан коркот, бирок Болоттон өзү дагы ажырагысы келбей түн коногу болуп кафелерде, сауналарда ээрчишип жүргөнүн көргөндөр кеп кылып калышат. Муну сүйүү дейбизби же оттон ысык ойноштукпу ким билмек, кербезденип сүйлөп бой көтөргөнү менен сексуалдуу аял экен дешип калат билгендер. Алтынай уул төрөгөн экен ага Асылай экөө барып келип жатты, үйүнө чыгарган күнү өзү кошо барды, куда-кудагыйы жетине албай тосуп алып жээн небересин жууп жатышты.

- Кудагый, - деди Алымбек, - Балдар минтип бизге кичинекей наристе таап берип кубантып отурат, сиздей адам менен кудалашканыбызга Калыс экөөбүз ыраазыбыз, балдарыбыз бактылуу болуп, ушинтип очор-бачар болуп түбөлүк бирге болушсун, эми ушул жакшылыкта неберебиз үчүн ушу коньяктан алып коюңуз.

- Ооба кудагый, биз эми ачыбызга айрылып, тогубузга толгоноор адамдарбыз, алып коюңуз, - Калыс бир жактан коштоду.

- Кантип албай коем куда-кудагый, ушулар бактылуу болсо биздин бактыбыз, жээнимдин келечеги кең, өмүрү узун, ата-энеси менен бактылуу уулдардан болушу үчүн алып ийели, - деп үчөө алып жиберишти. Ошол убакта сырттан Алымбектин жакын туугандарынын баласы келини менен келип калды.

- Бешик боо бек болсун!

- Андай болсун, келгиле балдар.

- Келдик аке, төрөтканага барсак чыгып кетти дегенинен биротоло көрүп кетели деп кайрылып калдык, - деп Самат учурашып отуруп калды.

- Келгениңер жакшы эмей, бизден кийин Айбек экөөңөр тууган болуп катышасыңар да, - Алымбек ыраазы боло бакылдай сүйлөдү.

- Аке, небереңиздин атын ким койдуңар?

- Элмирбек деп койдук, жакшы ат бекен?

- Абдан жакшы, адамдар төрөлгөндө баары эле бирдей төрөлөт, ата-ат койгондон жаңылып баланын тагдыры бурулуп кетет дешет экен го, ошол чынбы аке?

- Жакшы ат коюп, сүннөткө отургузуп, анан үйлөнтүп энчи бөлүп берүү ата-эненин милдети экен, небереме Элмирбек деген атты өзүм койдум иним.

- Жакшы коюпсуз.

- Кана коноктор, тамактан алалы, Самат Гүлбү алгыла, кудагый менен кобурашып, андан-мындан алып отургула, - деп Алымбек бак-бак этип сүйлөп коньяктан куюп сунуп жатты, - Наристебизди жууп, жакшы тилек, узак өмүр, бакыт-таалай каалап ушуну алып коелу, - деди рюмканы көтөрө.

- Элмирбек элдин уулу болсун, келечеги кең болсун.

- Өмүрүнүн узак болушун каалайлы.

- Ыймандуу, ырыс-кешиктүү болсун, - дешип алып ийишти. Салтанат бир аз кызып калды, Алымбек менен Калыс аны ырдап бер деп суранып калышты:

- Сахнада ырдаганда башка, эми кудаңдын төрүндө бир ырдап кой кудагый.

- Ооба десең, кудагый ырдап бериңиз эми, - деп Алымбек комуз алып келип берди. Салтанат көпкө чейин комуздун кулагын бурап кылдыратып күүгө келтире толгогондон кийин анан ырдап кирди, ал бүткөн соң кубаттап кол чаап калышты.

- Азамат кудагый, үнүңө береке.

- Бали-бали кудагый, карыбаңыз эч качан.

- Рахмат сиздерге, эми биз кайталы, - деп Салтанат бата кылып кетмек болуп калганда Аылмбек менен Калыс ыраазы болуп узатып коюшту, Салтанат Асылай экөө үйүнө жөнөштү, аларды узатып киргенден кийин Алтынай менен Айбек өздөрүнчө бөлмөгө киргенден кийин:

- Айбек, балам мага окшош экен ээ? - деди.

- Жо-ок, мага окшош.

- Жок, мага окшошуп турбайбы.

- Кана каери? Айбек наристени колуна алып ортого кармап баланын былбыраган жумшак бетине бетин тийгизди, - Кана, карап көрчү, мурду-оозу, кашы дагы өз-зүмө гана окшошуп турат го?

- Сен билбей жатасың, жакшылап карасаң, мурду мага эле опокшош болуп турат го? - деп Алтынай таарына кетти.

- Эй жинди, ушу былжырап эчтекеси билинбеген наристенин эмнесине таарынасың, мына мунуң орустун балдарына дагы окшошуп турат, жакшылап карачы, - дегенде Алтынай мостое калды.

- Кантип, эмнеге орустун балдарына окшошот?

- Ушинтип эле, төрөлгөн балдар бири-бирине окшошо берет, кийин гана атасына же апасын окшошот.

- Чын элеби?

- Чыпа-чын.

- Кызык экен, чын эле кимге окшогону билинбейт экен, - деп Алтынай наристени колуна алып абайлап карап калды.

- Болуптур эми, капаланбай баланы жаткыр, орун салып жаталы, - деп Айбек сыртка чыкты. Ошентип бактылуу жаш жубайлар наристеси менен бактыга тунуп жатып калышты.

- Алтынай, - деп ошол кезде Калыстын үнү угулду.

- Апа, эмне болду? - Алтынай халатын кие салып чыга калды.

- Айбекти айтчы балам, атаң ооруп жатат.

- Азыр апа, - Алтынай кайра кирди.

- Эмне болду? - Айбек келинчегин карады.

- Атам ооруп жатыптыр, туруп барчы.

- Эмнеси ооруп жатыптыр?

- Билбейм, жүрү, - Экөө тең ата-энеси жаткан бөлмөгө киришти.

- Апа, атам эмне болду?

- Жүрөгүм дейт, врач чакырдым.

- Жакшы элеби? - Айбек атасынын жанына отурду, - Ата өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Дурус уулум, бир аз жүрөк кармай калды.

- Ичпей коюңуз да.

- Кубанычта аздап ичип койдум да балам, өтүп кетет, - Аңгыча врач келип калды. Алымбекти текшерип көрүп ооруканага алып кетишти, Калыс кошо кетти.

- Мен эртең менен барам ата, - деди Айбек.

- Ошент балам, жакшы болуп калса өзүм келип калам.

- Макул, - Тез жардамдын унаасын узата карап туруп калышты.

- Мурда ооручу беле? - Алтынай күйөөсүнө кайрылды.

- Ооба врачтар ичимдик ичпе деген.

- Ичпей эле койсо болмок экен.

- Кубангандан ичип койду да.

- Мейли, жүр үйгө, эртең эрте турабыз, - Ээрчише бөлмөгө кирип жатып калышты, наристе түнү менен ыйлап үнүн баспай чыкты, Алтынай уйкудан калып эртең менен уктап калган, аны Айбек ойготту.

- Алтынай, мен ооруканага барайын, апам келген жок.

- Ии-ий азыр, - Алтынай ыкшына туруп кийине баштады…

Садыр баскан кадамынан дагы зааркана баштады ал караан өмүрү анын артынан калчудай эмес, күүгүмдө эч нерседен капарсыз жандыктарын сарайга киргизип жаткан, артынан бирөө басып келе жаткандай болду: "Дагы келе жатасыңбы, мен сени экинчи жолу өлтүрөм, же өзүм өлөм", - деп ойлонуп колундагы мал кармаган жибин оңтойлоп артына бурула бергенде аны бирөө тээп жибергендей учуп барып короонун дубалына бир тийип ык дей түшүп жыгылып калды, бирок эч жери ооруган жок, турмак болуп обдула бергенде бирөө басып калгандай турууга дарманы болбой оонап жатты.

- Сен менден өч алгың келеби, эми сенден коркпойм, кана өзүң менен алып кетесиңби? - деп тура албай оонап жатып сүйлөнүп жатты, - Алсаң алып кетчи деги, бала-чакама зыян кылба, менден ал өчүңдү, - дегенде алыстан угулдагандай жаңырган үн кулагына жетти: "Мен сени алып кетпейм, сенин укум-тукумуңду жок кылам, өзүң жалгыз каласың, сен эч кимге керек болбой турган кылам, ошондо гана менин жаным тынчыйт" - дегенде көзүнө Айдайдын өлүп бараткандагы көздөрү гана көрүнүп жылдыз сымал ар жагына өтүп, бери жагына өтүп, кайра келип ургулап жатты, - Болду, мени өлтүрсөң өлтүр, балдарыма тийбе, суранам балдарыма тийбе! - деп башын калкалап тоголонуп жатканда:

- Ой сага эмне болду? - деп Гүлайым жетип келип аны сүйөп тургузганда эчтеке болбогондой күбүнө тура калды:

- Эчтеке, жыгылып кетпедимби.

- Этият болбойт белең.

- Чалынып кеттим, музоонун ноктосун кармап алдым эле, - деп эки жагын карап караан көрө албады.

- Тамакты жайып коюп күтсөм жоксуң, чыксам үнүң чыгат, эмне дегениңди да түшүнбөдүм, ким менен сүйлөшүп жатат, - десем өзүңчө күбүрөп жатыпсың.

- Жыгылганга наалыганым да, - деп сыр бербей үйгө кирди. Кумар менен Умары али мектепти жаңыдан бүтүргөнү калган, алар удаа, бири он биринчи, бири онунчу класста окушат, Аиданын баласы басайын деп калган, ал тамак-аш менен алек, али карасы алына элек. Садыр балдарын, аялы менен келинин, небересин кыдырата карап ичтен сызып алды: "Мен алдын алышым керек, балдарым аман-эсен болушу үчүн мен өзүмдү-өзүм өлтүрүп бул балээден кутулушум керек", - деген чечимге келди. Тамак жүрөгүнө барбады.

- Эчтеке ичпей койдуң го? - деди Гүлайым.

- Табитим жок.

- Мындай эмес элең, негедир түрүң башкача, ооруп калган жоксуңбу?

- Кудай сактасын, куландан соомун.

- Ошондой эле болсун, - Гүлайым келинин карады, - Жакында Шумкардын жылдыгын беребиз, Аиданын башын азат кылабызбы?

- Ойлонуп көрөлү, Аида өзү билет да.

- Мен эч жакка кетпейм.

- Нургелдини таштай албай жатасың балам, али убакыт бар, ага чейин дагы сүйлөшөбүз, - деп башын чулгуй жер карады.

- Кантейин, кара жер катуулугунан чыдадым, өлгөндүн артынан өлө албадым, баламдан ажырап күн көрүп жашап келе жатам, эми калганына өмүр берсинчи кудай, - деп көз жашын аарчып отурганда Аида чыгып кетти.

- Апа, кейий бербеңизчи, биз деле акемди ойлонуп араң жүрөбүз, - деди Кумар, - Айла жок да апа.

- Ооба садага, айла жок…

- Байбиче, тиги дүйнөсүн берсин дегенден башка аргабыз жок, көп эле ыйлай бербе, балага кыйын болот дешет го, көз жаш өлгөн адам үчүн көл болот экен, ыйлаганды коюп куранды көбүрөөк окуп тынч болушун тилейли, - деп күңгүрөндү Садыр. Бир айдан кийин Шумкардын жылдыгын өткөрүштү, Аиданы ата-энеси алып кетели дегенде ал болбоду, уулун таштагысы келбейт, алып да кетем дей албай кыңырылып кала берди. Кеч күз болуп күн суук тарта баштаган эле, түнкүсүн эч кимге билдирбей Садыр сыртка чыкты: "Шашпа-а Айдай, мен өзүм барам сага, сенден мурун озунуп өзүм жетишим керек", - деп казыктан уй байлаган жипти эми чечип алаарда: "Эч кайда бара албайсың, ал жакта сага орун жок, орун бул жерде Садыр, мен сени чын дилим менен сүйгөм, сен менин сүйүүмө өлүмдү тартууладың, жарык дүйнөдө бараар жериң жок каңгып каласың, башыңды өйдө көтөрөөр адам жок жерди кучактап, ачык асманды үстүңө жамынасың, шашылба-а!", - деп казыктагы жипти чече калганда ары жактан Умар жетип келди.

- Ата, эмне кылып жатасыз?

- Эчтеке балам, жөн эле турам, - Үйдү көздөй басты.

- Колуңузду тээ тигил жакка булгап сүйлөп жаттыңыз го?

- Малдын кыгын чогултайын дегем…

- Аны Кумар экөөбүз чогултабыз ата, - Умар атасы менен катар басып үйгө киришти.

- Малды байладыңбы? - деди Гүлайым Садырга.

- Ооба.

- Жакшы кылыпсың, мал талаадан тоюп келип жатабы?

- Азыр от бар байбиче, мал тоет, кар түшкөндө тээп оттойт анан, азыр жер кара эмеспи.

- Ошондой эле болсун, мал-келиң болбосо азыр жашоо кыйын, сенин машинаң барда да жакшы эле, же соода кылбадык, - деп Гүлайым ойлуу уулу менен күйөөсүнө карады, - Эми Кумар мектепти бүтсө окутуш керек, андан кийин окуйм деп Умар турат.

- Буйруса окутабыз, бир аз акча деле турбайбы?

- Бар дечи, акчанын күчү кете баштады, бат эле калбай калат, Аиданы базарга чыгарып койсокпу, элге аралашып көңүлү ачылат, ал деле бирөөнүн баласы го, үйдө жүргөндө эмне, Нургелдини өзүм элем багып алам, - деди Гүлайым күйөөсүнө, - Кокус баланы алып кетем десе кантебиз, андан көрө базарга чыгарып койсок бирөөнү таап алса баланы таштайт беле..

- Капаланба, ырас эле Аиданы базарга чыгаралы.

- Ошентели, өзүн-өзү алаксытып элге аралашсын, - деген чечимге келип токтошту. Ошол күнү Садырдын жүрөгү капысынан эле "болк" дей түшүп босогону караса дубалга жөлөнүп алып өзүн тиктеп Айдай турган экен, Садырдын өңү боппоз болуп көзүн тартып алды: "Эмне болот, бул бир балээ кылабы эми, менин өлгөнүмө да жол бербеди", - деген ойдо унчукпай бир саам отуруп анан бир нерсе эсине түшкөндөй куран окуп кирди, дасторкон жайылуу эле, Гүлайым таңгала карап анын өңүн көрүп чоочуганы менен куранды окуп бүткөнчө унчукпады, Садыр үнүн пас чыгарып узакка окуп оозун кыбыратып: "Кубанычбек кызы Айдайдын сообуна", - деп анан бата кылды, аялына байкатпай босогону караса эч ким жок.

- Сен молдого дем салдырсаң боло? - деди Гүлайым куранды окуп бүткөндөн кийин, - Сен бирдеме болуп жүрөсүң.

- Мен эмне болмок элем?

- Билбейм, өңүң бир башкача болуп кетти.

- Ошондой көрүнгөндүр, дем салдырса салдырайын…

- Деги сен мындай эмес элең.

- Баланын азабы деле оңой эмес экен байбиче, аялдар ыйлап-ыйлап жеңилдеп алат экенсиңер, эркек жалаң ой менен жүрөк менен көтөрөт тура.

- Аның туура, - Гүлайым күйөөсүнүн сөзүнө ынана түштү: "Чын эле, ушуну ойлобогонумду кара, бул байкуш деле ичинен күйүп жүрөт да", - деп ойлонуп тим болду. Дал ошол түнү түшүндө Алымбектин замбилде жатканын көрдү, ак халатчандар, алардын ичинде Айдай жүрөт, Садыр жетип барса бою менен тең узун көйнөгүнөн буту көрүнбөй өзүн көздөй Айдай жылып келди: "Сен эмнеге келдиң, эми бул киши кетет, булар аракет кылганда айла жок, сенден өч алам дегемин, өч алам Садыр, мен сенин балаң экенин билгеним жок, эми сени тирүү тозокко айлантып ар бир тамырың сыздап ооруй турган кылам", - деди да потолокко көтөрүлүп барып көрүнбөй калды, Садыр чоочуп ойгонсо таң аппак атып калыптыр, тышка чыгып эки жакты карап турса Алымбектин машинасы келип дарбазасына токтоду, тынчсызданып турган Садыр жетип келип эшикти ачса Айбек экен.

- Кел балам, тынчылыкпы?

- Атамдын жүрөгү ооруп ооруканага түндө алып кеткен, апам сизди келсин деп жатат, - Садырдын башына келтек менен ургандай зыңгырай түштү: "Эми эмне болот, менин күнөөм үчүн булар жабыр тартышы керек беле", - деп ойлонуп ийди.

- Чоң ата, сизге эмне болду, барасызбы мени менен?

- Аа-а, ооба балам барбай анан, энеңе айтып коеюн, - деди да үйүнө карай басты, эч арга кыла албасын билди, билгенде не арга кыла алмак, - Гүлайым, ээ Гүлайым! - Ичке кирбей сырттан үн салды:

- Эмне болду? - Гүлайым чыга калып күйөөсүнүн жанында турган Айбекти көрүп, - Кел Айбек, таң заардан эмне болду? - деди ага кайрыла.

- Алымбек ооруп жатыптыр, мен барайын, - деди Садыр андан мурун жооп берип.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Жүрөгү ооручу.

- Катыгүн ай, ичип койгон го? - деп Гүлайым наалый сүйлөдү, - Токтой тургула, мен дагы барайын. Кийинип алып чогуу үйүнө келип, андан Калысты кошуп ооруканага келишти. Алымбек бир аз түзүк болуп калыптыр, баары тегеректеп турганда сестра кирди.

- Оорулуунун абалы өтө оор, көп тегеректебей чыгып туруңуздар, азыр врач көрөт.

- Деги жакшы болуп кетеби кызым? - Калыс кабатырлана сурады.

- Врач көрүп өзү айтат.

????

Баары коридорго чыгып турушту, Садырдын көз алдында Айдай, аны муунтканы, көздөрү өзүнөн өтүп чакчайып кыймылсыз жатканы тартылып, кайра түндөгү көргөнүн эстеп сыртка карай шашылыш чыгып кетти. Ал өлүмдөн кайра тартпас болуп аны менен күрөшүүгө даяр эле, түз эле Айдайдын квартирасына келди, эшигин такылдатты эле бир келин ачты:

- Сизге ким керек?

- Бул жерде Айдай деген келин жашачу эле…

- Байке, ал бир жыл мурун өлгөн, сиз ким болосуз?

- Бирге иштечү элек, анын ата-энеси кайда жашаарын билбейсиңби кызым?

- Мен бир тууганы болом.

- Анда айылыңда айтчы, Айдай мага карыз эле, куран окутуп карызымдан кечип келейин, - деди өкүнгөндөй кабак бүркөп. Ал келин кирип кетип колуна дарек жазылган кагазды алып чыкты:

- Ушул дарекке барсаңыз табасыз.

- Рахмат, - деп дароо артына бурулду да: "Кечир мени жараткан, кайрадан күнөөнү мойнума үйүп калп айттым, мүрзөсүн ачып, сөөгүн балталабасамбы, анан дал ошол көргө сени менен бирге жатып өлөм", - деп жүзү сурданып таксиге отурду, төрт-беш сааттык жолдо үн катпай келе жаткан адамды карап адегенде таксист күдүк ойго бараттты: "Түрмөдөн чыккан немеби, жалгыз өзү төлөп мага тийишмек болобу, жо-ок, кудай сактасын, өңү жаман, бир кайгысы бар го", - деп ойлонуп сактанып жатты. Күүгүмдө ал мерчемдүү жерге жетип таксисти кетирип ийди да айткан даректеги үйдүн дарбазасын такылдатты:

- Ким? - деген аялдын үнү угулду.

- Мен эле, ачып коюңузчу.

- Ким? - деп келип эшикти ачып улгайган адамды көрүп туруп калды, бул Айдайдын апасы эле, - Келиңиз бирөөнү издеп жүрөсүзбү?

- Мен Айдайдын чогуу иштешкени элем, эки жыл мурун Москвага кетип жакында келдим, үйүнө барып уктум, арты кайырлуу болсун.

- Ошондой болду, - Эне көз жашын тегеретип тим болду.

- Менин Айдайдан аласам бар эле, ичке киргенге уруксат берсеңиз куран окуп коеюн.

- Кириңиз-кириңиз, - Ал мындай боло берди, алдынан атасы чыкты, ичке кирип отураары менен куранды Садыр өзү окуду да:

- Мен ага көп акча берген элем, керек болуп калып сурамак болгом, минтип анын өлгөнүн угуп алып ал акчаны кечейин деп чечтим тууган, - деди Садыр эрди-катынга карап, - Кечтим, тиги дүйнөдө тынч жатсын кечтим!

- Рахмат, бирок канча экенин айта берсең төлөп бермекпиз да, - Атасы таңгала карады.

- Жок, мен берген адам акеретте болсо, силерден алганым болбос, андан көрө көрүстөнү кай жерде?

- Мен чогуу барайын, - деп Кубанычбек кошо турду.

- Эртең жарыкты барсаңар болбойт беле? - деди аялы.

- Жок, мен кайра эле кетем, - деди кайрыла Садыр.

- Эчтеке эмес, эрмектешип барып келебиз, - деди Кубанычбек, алар айылдын четиндеги дөңсөөгө жетип короолонбогон бейиттин бир четиндеги таш чегерилген мүрзөнүн жанына чөк түшүп отурушту, Садыр куран окуду, - Ушундай иним, кандай болгону белгисиз, өлдү да тынды, кылмышкер табылбады, тынч жатсын деп биз да жөн койдук, арга жок да өлүмгө.

- Ошондой, менин дагы жыйырма үчтөгү уулум жакында кайтыш болду…

- Эмне болуп?

- Авария.

- Баланын күйүтүн тарткан экенсиң, канча балаң болбосун ар кимисинин өз орду болот, кыял-жоругу болот, жакындыгы болот, ушу кызым өзүмө жакын эле, - деп оор күрсүнүп алып кайра куран окуп бата кылды, чиркин эгерде дал ушул жанында турган адам кызынын жанын чыркыратып алганын билсе кантээр эле? Экөө ээрчише көрүстөндөн узап айылга кире бергенде Садыр:

- Мен мындан ары кетем, дагы бир жолу айтам, арбагы тынч болсун, аласамдан кечтим, - деди.

- Үйгө түнөп алсаң болмок.

- Жо-ок, бул жакта таанышым бар.

- Ким деген? - деди Кубанычбек, караңгыда Садырдын сөз таппай кайсактап калганын көрө албады.

- Кадыр деген, - деди эптеп бир атты айта салды.

- Оо тиги фермер Кадырбы?

- Ооба-ооба, Садыр шашып калды.

- Ма-акул анда, адамдык касиетиңе миң мертебе рахмат.

- Жакшы туруңуз, - деп Садыр андан бөлүнгөнчө шашты.

- Өзүң дагы жакшы бар иним, - Кубанычбек жол менен өз сапарын улантты. Садыр бир азга аны карап турду да шарт артына бурулду: "Ал жансыз, мен жандуумун, сөөгүн итке таштабасамбы", - деп көрүстөндү көздөй кетип жатканда кулагына айырынын үнүнө окшогон ызылдаак үн анын кулагына жабышып алгандай болуп бастырбай башы кеңгиреп туруп кулагын басты: "Мен эмне болуп жатам, ошондон коркомбу, балдарыма иниме зыян кылбай турган болсун, жоготом", - деп ойлонуп дагы эки кадам шилтегенде аны бир күч артты көздөй учура түрттү, топуракка бети менен тийип чаң болуп жатып калды.

- Эй, сенден жеңилет деп турасыңбы, мен сени менен бирге жатам, балдарыма, иниме тийбе! - деп кыйкырып мас кишидей темтеңдеп басып жөнөдү, кайрадан ыргытып такыр бастырбады, үчүнчү жолу ыргытканда эси ооп эчтеке билбей жатып калды: "Алымбек эмне болду, кетип калганымды кандай түшүнөт, кой үйгө барайын", - деп көзүн ачып обдула берип бүткөн боюнун ооруганына чыдай албай онтоп жиберди: "Кечирим сурашым керек, арбакка өчөшкөндө болмок беле, мени жинди болуп бараткан жокмунбу", - деп эптеп туруп эки жакты абайлап карап кийимин кагып такси кетчү жагына эптеп жөнөдү. Эми оорлошуп кыймылдаса ооруп жатты. Өчөшкөнсүп бул жолу ал көзүнө көрүнбөдү. Жан жагын карап макиси жок экенин билди, ал биякка келе жатканда үйүнө кайрылып чоң маки салып алган: "Түшүп калган экен", - деп артына кайрылгысы келбей сурамжылап такси токточу жерге келди да шаарга жөнөп түз эле ооруканага келди.

- Кайда жүрөсүң? - деди Гүлайым аны көрүп эле.

- Алымбек кандай? - Садыр жооп ордуна инисин сурады.

- Аны операция кылмак болуп жатат.

- Жүрөгүнбү?

- Ооба.

- Калыс кайда?

- Ал жанында, кийимин чечип жатат го.

- Мен кирсем болобу?

- Кое тур, азыр операцияга алып чыгат, - Гүлайым ушинтти да күйөөсүн абайлап карап туруп, - Эмне болгон сага, кийимиңдин баары чаң, моюндарыңа чейин боппоз болуп калыптыр, - деди.

- Мени эле аңдый бересиң, мүрзөгө бардым, - деп байкабай айтып ийгенин өзү билбей калды.

- Аякка эмнеге барасың? - Гүлайым күйөөсүнүн сөзүнө таңгала айтты, - Биякта иниң ооруп оор акыбалда жатса мүрзөгө бардым дегениң кантип болсун, - дегени менен: "Байкушум десе, Шумкардын мүрзөсүнө барып жаткан го, андан жардам сурап барган го шордуу, анда кайдагы күч, жардам бере турган болсо кана, акылынан айныган жокпу бул", - деп ойлонуп телмирип отурганда Алымбекти түртүп каталка менен чыгып калды.

- Алым, Алым иним, бир боорум кандай акыбал, - деп Садыр үйрүлүп үстүнө түшүп жүзүнөн өөп врачка кайрылды, - Операция жакшы өтөбү, деги жакшы болуп кетеби?

- Аракет кылабыз, бизди кармабаңыз.

- Операциясыз болбойт, кечигип калабыз.

- Аке, сиз кол коюп коюңуз, уруксат кагазына, - деди Калыс.

- Жо-ок, мен инимди мындайга түртө албайм, жооп да бербейм, операциядан толук ишеним болсо кол коем.

- Тууган, оорулуунун абалы оор, акыйлашканда болбойт, аялы менен баласы кол коюп койгон, кармабаңыз бизди, - деп врач айтканда Садыр жинденип кетти.

- Менин бир тууганым, мен уруксат бермейинче эч нерсе кыла албайсыңар, - деп бакырып Калыска карады, - Калыс, мени тоготкон жоксуңарбы, же силер өлсө мейли деп кол койдуңарбы?

- Аке, сизди күттүк, Алымбектин абалы оор, врачтар тезинен операция жасаш керек дейт, анан эмне кылышыбыз керек эле?

- Ава, сиз деле кол коюп коюңуз, атам жакшы болуп кетсе болду, - деп Айбек жанына келди, - Биз атамды сакайып кетсин деп ойлоп макул болдук.

- Силер кол кое бергиле, мен бир тууганымды кайдыгерликке кыя албайм! - деди да Садыр каталканы кое берип сыртты көздөй чыгып кетти, врач Калыска карады.

- Эмне кылабыз?

- Билбейм.

- Бизге сакайып кетсе болду, аманчылыгын тилейли, кечиктирбей жасай бергиле, - деди Гүлайым, - Ал дагы күйүп бышып жатпайбы, түшүнөт да.

- Ооба, жасай бериңиздер, - деди Калыс. Алымбекти операция бөлмөсүнө алып кирип кетти, ошол бойдон көрбөй калаарын эч кимиси сезген жок, бир гана Садыр баарын билип эмне кылаарын билбей алдастап сыртта аркы-терки басып жүрдү.

Жаны жай албай басып жүрүп Айдайдын арбагы менен урушуп жатты: "Каргыш алсын сени, сага жолуккан күнү балээге кабылган экенмин да, ушундан көрө мени өзүңө тартсаң боло, менин күнөөм үчүн башкалар жабыр тартканына чыдай албайм, сага мен керекмин, бу бей күнөө адамдардын убалын мага жүктөгүң келип жатабы, кана бар болсоң мени бул жерден жоготуп ийчи, жамандыкты көзүм көрбөй жерге кирип кетсем кана, каргыш урсун сени Айдай, сени мен өлтүргөнмүн, жазыгы жокторду эмне кыйнайсың", - деп башын мыкчып отургучка отуруп калды, Гүлайым, Калыс менен Айбек болуп анын жанына келип үнсүз отуруп калышты.

- Кудай жакшы, - деди акырын сүйлөп Гүлайым, - Убайымданбай тилек кыл, бала сакайып кетсин, операция жакшы бүтсө эле болду.

- Жүрөгүм дегени менен жакшы эле жүрбөдү беле?

- Ооруп жүрчү, ичкилик ичпе деген врач, кубанганына чыдабай коньяктан дагы арактан дагы ичип койгон, дароо эле кармап калды, - деп Калыс күнөөлүүдөй унчукту, ошол убакта ары жактан Салтанат көрүндү, ал угуп келе жаткан эле.

- Жакшысыздарбы, куданын акыбалы жакшыбы? - деп баарына учурашып отура кетти.

- Операцияга кирди, - деди Калыс.

- Жакшы болуп кетсин, алла жар болсун.

- Айтканың келсин кудагый.

- Кол бошобойт, убактым жок, келе албагыныма кечирим сурайм куда-кудагыйлар шартка жараша болобуз деп кечигип келдим.

- Эчтеке эмес, башкысы Алымбек сакайып кетсе болду.

- Ооба-ооба, кудай жар болсун, - деп ар кайсыны сүйлөшүп отурушканда сестралар ары-бери жүгүрүп калышты, Садыр бир нерсени туйгандай ооруканага кирип операционный бөлмөсүнүн жанына барып туруп калды, чымын куюн болуп кирип-чыгып жаткандардан сураса эч ким жооп бербеди.

- Силер өзү адамсыңарбы, мен силерден сурап жатам, инимдин ал-абалы кандай? - деди бирөөнү карыдан ала.

- Мен билбейм, врач чыгат, али бүтө элек, - деди ак халатчан врач аста гана, - Чынымды айтсам кимди сураганыңызды билбейм, операционныйда үч оорулуу бар, - деп ийин куушурду.

- Байматов Алымбек, алтымыш төртүнчү жылы туулган.

- Азыр билип берем, - деп ары жөнөп кетти, Садырдын көзүнө түшү элестеп инисинен үмүт үзүп ыйлап турганын өзү сзебеди: "Бүттү, бары бүттү, баламды - инимди жоготтум, эми дагы эмне керек, өзүм өлсөм болбойт беле", - деп башын мыкчып отурганда Калыстар кирди, Садырдын ыйлап отурганын көрүп Калыс ары көздөй барып ал дагы ыйлап жатты, арадан үч-төрт сааттан кийин эки врач чыкты эле барып тегеректеп калышты:

- Кандай акыбалы жакшыбы?

- Жакшы өттүбү опеарция?

- Айтпайсызбы, атамдын акыбалы кандай? - деп врач унчукпай турганда Айбек аны жулкулдатып ийди, - Атам жакшыбы дейм? - дегенде врач башын чайкап:

- Аракет кылдык, бирок болбоду, - деди эле Садыр жакадан алды:

- Мен сага эскерткемин, колуңдан келбесе жасаба деп, жакшынакай адамды өлтүрдүңөр, жоопко тартыласыңар! - Муунта баштаганда врач, медсестралар зорго ажыратышты, Айбек бакырып Калыс экөө операция бөлмөсүнө киргенде баары кирип барышты, бирок аларды чыгарып коюшту. Ошол күнү түш оой Алымбектин сөөгүн алып келип ыйлап-сыктап үчүнчү күнү жерге беришти. Садырдын үнү басылбай ыйлай берип үнү чыкпай калды, эч нерсе ичпеди, ачкадан өлгүсү келип наар сызбай отура берди, Алымбекти койгон түнү боз үйдүн сыртында отурган, кыңкайып жаткысы жок, отурган жеринде өлгүсү бар, бирок ага ойлонуп отурганда Айбек келди.

- Ава, тамак ичип алыңыз.

- Жок балам, жүрөгүмө барбай турат.

- Эчтеке ичпесеңиз ооруп каласыз, атамдан айрылып калдык, эми биздин маңдайыбызга сиз бар болуңуз, жүрүңүз тамак ичиңиз.

- Балам ай, бир боорумдан айрылып кантип жашайм, - Айбекти кучактап боздоп ийди, - Бир боорум, уялашымдан айрылып калдым го?!

- Мен атамдан айрылдым, сиз биз үчүн жашаңыз ава.

- Болуптур садагам, ачка отуруп өлсө өлөйүн дедим эле, - Садыр Айбек менен ичке кирди. Көз алдында уулу менен иниси, алардын артында Айдайдын элеси, өзүн жек көрүп кетти: "Мен шайтанга азгырылдым, жаңылып-жаздым, көтөрбөскө чарам жок", - деп ойлонуп бирдеме жеген болду, жакшылап жүрөгүнө барбалы. Кайра чыгып ордуна отуруп алды.

- Үйгө кирип жатсаң боло, - деп Гүлайым жанына келди.

- Жата бер, анан кирип жатам.

- Күн суук болуп турат, ооруп калба.

- Оорубайм.

- Макул, - деп кирип кетти, отурган жеринде үргүлөп кеткен экен: "Кандай Садыр, өлүм сыздатат бекен, менин ата-энем, бир туугандарым дагы сыздап калды, сен алардын бөксөргөн аягын толтуруп, чөккөн көңүлүн толтуруп бере албайсың, ошондуктан жазаңды ал", - деп көздөн кайым болду, көзүн ачып өйдө болду: "Ооба, жазамды алдым, эми кечирээрсиң, мындан ары көзүмдөн???????????

Айдай", - деп чөгөөлөп алып солкулдап жатты, көптөн кийин үйгө кирип кыңкайды. Кыркы өткөнчө барып келип куран окуп, инисинин үйүндө болуп турду, бир күнү кеч келди, абдан кызуу, Гүлайым аны чечинтип ордуна жаткырып коюп ойлонуп отурган бойдон креслосунда: "Кызык, өлгөн өлүп артында калгандарга жашоо керек экен, баламдан айрылганда бул дүнүйө мага көрксүз, кунарсыз сезилип өмүрдөн кечким келип жүрдү эле, эми баары өз ордуна келип Шумкарымды ойлогондо гана ичим тыз дей түшүп ачышканы болбосо тирүүлүк менен алыша баштадым, Садырдын жанына жата элегиме эки жылдан ашыптыр, эрди-катын болгонубуз менен ортобуздагы байланыштырган нерсе бар тура, эмнеге ал мени көргүсү келбейт, мурун мындай эмес эле го, мүмкүн бул бир башкага ашык болуп калып балдардан тартынып айта албай же кете албай жүрбөсүн, Алымбек ооруп жатканда бир түнү жоголуп кайра келди, баарынан дагы буга башка нерсе маанилүүдүр", - деп ойлонуп отуруп көзү илинип кетти, ойгонсо таң атып калыптыр. Садыр ордунда жок: "Кайда кетип калды таң атпай", - деп уйкусурай керилип алып сыртка чыкса Аида эбак туруп кийинип жумушка кетүүгө даяр болуп туруптур. Нургел али уктап жаткан болсо керек. Аиданы базарга чыгарып коюшкан: "Байкушум буга да кыйын болду, же кетем деп айта албайт, кет деп айтуу менин колумдан келбейт, бул кеткен күнү биз Шумкардан биротоло ажырап, жаңы гана жоготкондой болобуз го", - деп оор улутуна, үшкүрүп да алды:

- Апа, Нургел уктап жатат, мен базарга бара берейинби?

- Бара бер балам, соодаңдан калба.

- Макул анда, - Аида дарбазадан чыгып кетти. Гүлайым кайра үйгө кирсе Нургел ойгонуп бетин ушалап отуруптур.

- Каралдым го менин, кара жаным го ушул, ойгондуңбу балам? - деп көтөрүп ала койду.

- Апа, апа нан, - деп чулдурады эки жашар Нургелди.

- Нан жегениңден айланайын десе, кардың ачкан го уулум, сен отуруп тур, азыр чай берем, - Гүлайым небересин отургузуп чай даярдады. Кардын тойгузуп, үйүн жыйнамак болгондо Кумар менен Умар катар сабакка кетмек болуп даярданып жаткан, - Ботом эчтеке ичпей эле кетесиңерби, ооруп калып жүрбөгүлө, чай даяр ичип алгыла, - деп экөөнө эки чыны чай куюп суутуп даярдады.

- Кечигип калабыз, - деди Кумар.

- Мектеп жакын, эмеле жетесиңер, эрте туруп көнбөйсүңөрбү анан, уктап жата бербей.

- Ойготуп койбойсуңарбы анан.

- Атам кайда кеткен?

- Атаң жумуштары менен кетсе керек.

- Эмне жумушу бар апа, азыр бош го?

- Билбейм балам, же акеңдикине эртелеп куран окутканы кеткендир.

- Мейли, кеттик анда, - Экөө эгиз козудай ээрчише үйдөн чыкты, алар кетээри менен Даткайым келди, бир баласын ээрчитип алган.

- Кандай апа, жакшы турасыңарбы? - Гүлайым менен өбүшүп, басып жүргөн Нургелдини жерден ала коюп эки бетинен өптү, - Чоңоюп калган тура.

- Ээ кызым, өлбөгөн жанга күн өтө берет тура, - Гүлайым кызы менен учурашып муңайып койду.

- Апа, кейибеңизчи, ыйлап-сыктап бир жарым жылдан бери кана тапканыңыз, ал дагы болсо пешенесине жазылган, ошо жашты кудай талаа буйруган апа, - деп Даткайым апасын жооткоткону менен агасынын баласын көрүп өзү деле бошоп турган, апасын көрүп өзүн чыйралтты.

- Кантейин, эми силер аман болгула…

- Апа, акыбалыңарды билип келейин деп эле келгем, Алым акеме да куран окута кетейин, атам кайда?

- Атаңдын кайда кеткенин билбейм, кийинки убактарда анын жүргөнү табышмак, эмне кылып жүргөнү белгисиз.

- Эмнеге апа? - Даткайым апасын элээ карады.

- Өзүм дагы билбейм, - Ээрчише үйгө кирип чай ичип отурушту.

- Апа, Канайымдар келип жатабы?

- Акең өлгөндө келип кетишкен, кыркында келген жок, алыс жер алыс да кызым, күйөөсүнүн иши дагы кыйын экен, жоопкерчиликтүү болсо чыга албайт да.

- Төрөй турган болуп калды эле, бир кабар алсак жакшы болмок эч кимиси жоктой кылбай, кечээ түшүмө кирип жатыптыр, - дегенде эшиктен бир коңшусу кирди.

- Кел-кел Орунбү, тынчылыкпы? - Гүлайым аны карап таңгала туруп калды, - Жөн жай элеби?

- Жөн жай эле, - деп Орунбү көчүк басмак болгондо анын артынан эки-үч коңшусу кирип келишти.

- Айланайындар, соо келген жоксуңар, эмне болду? - Гүлайым ордунан тура калды, Даткайым дагы элеңдей карап туруп калганда Гүлайымды бирөө кармай калып:

- Гүлайым кайрат кыл, Канайымдан айрылып калдык, - дегенде Даткайым менен Гүлайым үй ичин толтура чаңырып ийип экөө эки жерде жыгылып калганда аялдар коркуп кетип экөөнү төшөккө жаткырып, бетине суу чачып эс алдырып жатты:

- Курган байкуш ай, эми эмне болот кокуй.

- Ошону айтпайсыңбы, ушу балдарым деп байкуш Гүлайым адеми кийим кийген жок эле.

- Ошону айтсаң, эми ыраатын көрөөрдө, - деп шыпшынып жатканда Кумар келип ал бир жерде ыйлап жатты, Умар дагы келди, боздоп какшаган Гүлайым ошентип балдарын жиберип Аиданы алдырды да баласы менен аны калтырып эки уулу менен Даткайым Садыр болуп ошол эле күнү Ыссык-Көлдү көздөй жөнөштү. Ошентип Садырдын беш баласынын үчөө калды, кырсыкпы же пешенеге жазылган жазуубу Канайым төрөттөн каза болду, төрөгөн баласы өлүк түштү, ошондо Садыр жинди болуп кете жаздады, үйүнө келгенден кийин батага келгендерден бошой албай көп күн өтүп кетти, Гүлайымдын көзү ачылбай жүзүн жаш жууп ботодой боздогонун көргөн сайын жаны жай албайт, кылаар айласы эле жок, акыры ойлонуп туруп бир көзү ачыкка барды, андан молдого барып дем салдырды да ички сырын айтып кеңешмек болду, болгону өз колу менен өлтүргөнүн жашырып койду.

- Арбакты нааразы кылгансың, - деди молдо, - Сен куран түшүртүп алдын албасаң бүт өмүрүңдү селге кетирет.

- Кантип алдын алам аксакал?

- Чоң бодо союп куран окут, үйүңдөн алыс сойдур, өзүң окуп кечирим сура дагы артыңды карабай кет, ошондо болбосо андан кийинкисин билбейм.

- Ага дагы токтобошу мүмкүнбү?

- Ооба, арбактын көзүндө сенин элесиң калган, ал сени кечирбей коюусу мүмкүн, мүрзөсүнө барып куран окудуңбу?

- Ооба, окуп келгемин.

- Мынчалык арбакка шек келтиргендей кандай ишиң бар балам, көз гана түшүп жатат, ал көз сенин түбүңө жетчүдөй.

- Жалгыз менин түбүмө жетсе мейли эле, балдарым аман калса болду, - Садыр башын жерге салып мүңкүрөй түштү.

- Сен мазарга бар, бала-чакаң менен бар, ошол жерге тилек кылып мойнуңа куруңду салып түнү бою тизээлей отуруп зикир чал, кечиришин сура, - деди молдо. Садыр үйүнө келсе Гүлайым ооруп баш көтөрө албай жаткан экен, коркуп кетти.

- Эмне болду Гүлайым, табың айнып жатабы?

- Садыр, мени кайгы мөгдүрөттү, мен өлбөйм коркпо, балдарымдан калып эми өлмөк белем? - деди үнү каргылдана.

- Антпе Гүлайым, уучубуз куруу эмес, ыйлаганды коюп үчөөнүн аманчылыгын тилейли, ый ыйды чакырат дешет го, мен күйбөй турат дейсиңби, ичиме от кирип кеткендей түтөп турам, - Садыр оор күрсүнүп терең дем алып алды, - Сени менен кеңешейин дедим эле.

- Эмнени, мени менен кеңешчү сөзүң бары ыраспы? - Гүлайым башын көтөрө күйөөсүн карады.

- Ал эмнең Гүлайым, менин кеңешчим дагы, өмүр шеригим, үйүмдүн куту дагы сенсиң, сенсиз мен эмне кыла алам? - Салбырай күнөөлүүдөй унчукту.

- Садыр, - Гүлайым көпкө унчукпай калып кайра сөзүн улады, - Экөөбүз эрди-катын болгонубузга отуз жылга жакын болуп калды, ошонун эки жылын биз таптакыр чоочун адамдардай жашап келе жатабыз.

- Кантип, бул эмне дегениң Гүлайым?

- Сен ошентип өзүң менен өзүң болгондон бери бизди кырсык басты, чырактай уулубуздан, айым-күнүм деп өстүргөн кызыбыздан, бир тууган иниңден айрылдык, сенин түрүң бузук, эмне болгонун так-даана билбесем да сенин кебетеңди көрүп таңгалып жүрөм.

- Гүлайым, сен жаман ойлобо, мен эч нерсе болгон жокмун.

- Жо-ок, сенин пейилиң бурулуп ак никебизди бузган түрүң бар, арамдык жакпагандан улам жазаланып, бизге кесепетиң тийип жатабы дейм Садыр, - деди Гүлайым ага жүзүн бура, - Сенде бир сыр бар.

- Эмне деп эле жатасың Гүлайым? - Садыр ордунан тура калды, бир жерге тура албай ары-бери чабалактай басты, ошол убакта аны бирөө түртүп ийгендей ыргып барып дубалга чабыла түштү.

- Садыр, сен эмне болуп турасың? - Гүлайым тура калды.

- Эчтеке, - Садыр тура калып башын сыйпалап туруп Гүлайымга тигилди, - Гүлайым, мен сүйлөйүн токтой турчу.

- Макул, сүйлөй бер, - деген Гүлайым күйөөсүн эми көрүп тургандай карап, көз алдында учуп барып дубалга чабылганын көргөнгө таңгалып кулак салып көз айрыбай карап калды.

- Гүлайым, бир кара малды элге тараткыла дейт, былтыркы торпокту алып келип элге тараталы.

- Эмнеге?

- Бизди кырсык басып жатат, балдарыбыз үчүн садага беришибиз керек.

- Садыр, балдарым үчүн кара жанымды да аябас элем…

- Анда эртең буканы алып келейин, чоңураагын эле тараталы.

- Өзүң бил, - деп Гүлайым дагы эле бир нерсеге түшүнө албай турду: "Бул эмне болгон, учуп кеткени эмнеси, бул бир балээге кабылган эмеспи", - деп ойлоно берди. Эртеси бейшемби күн эле, буканы алып барып айылдын четине он чакты киши болуп куран окуп туруп союп жатканда кайдан-жайдандыр катуу куюн келип союлган эттин үстүнө чаң уюлгуп тип-тике болуп учуп асманга жетип турду да заматта жок болду, жанындагы кишилер этти алгандан баш тартып үй-үйүнө тарады. Садыр үйүнө баса берген, артынан келген коңшусу аны чакырып алды да:

- Садыр, буканын эти талаада калды, - деди болгонун айтып, - Куюндун мынчалык күчтүү болоорун билген эмесмин, эттин карайып кеткенине таңгалдык, бул түлөөң кабыл болгон жок, таңгалыштуу, - деп башын чайкады.

- Ошондой де, анда эмне кылыш керек?

- Билбейм, аягын өзүң чеч, - деп коңшусу үйүнө кайтты.

- Ал эмнеси Садыр, биздин кайсы күнөөбүз үчүн түлөөбүз кабыл болбоду? - деп Гүлайым күйөөсүн корккондой карады.

- Кайдан билем, - Садыр аялын кароого дити барбай жер карап үңкүйдү.

- Оо кудай, эмне деген табышмагың эле, балдарым аман болсо экен.

- Гүлайым, башка жакка көчүп кетсек кантет?

- Кудайдан качып кайда барабыз Садыр, кайда барсаң мамайдын гөрү дегенди уктуң беле?

- Орун которсокпу дегеним да.

- Кай жер болбосун баары бир, андан көрө үйгө эле дагы бир түлөө өткөрөлү, мазарга сыйыналы, кудайдан тилек кылалы…

- Ошентсе ошентели, - деп Садырдын айласы куруп турду. Даткайымды чакырып келип үч баласына өпкө чаап түлөө өткөрүштү, элден бата алып тилек кылышты, бирок эч нерсе өзгөргөн жок, ошондон бир-эки жума өткөндөн соң бир аз тынчып калган Садыр тынч уктап жаткан, түн бир оокумда бир дабыштан улам ойгонуп кетсе аялынын аягында тааныш караан отуруптур, Гүлайым эч нерседен капарсыз уктап жаткан: "Эмки кезек аялыңдыкы, - деди тааныш үн, - Сен менден кутула албайсың",

- Жогол, жогол деп жатам! - деп бир нерсе издеп чапканга аракет кылды эле денеси таш бастырып койгондой оорлошуп кыймылга келбеди, үнүн бийик чыгарып кыйкырганга Гүлайым ойгонуп кетти.

- Эмне болду? - Баш көтөрө суроолуу карады.

- Эчтеке, - Садыр терс бурулуп жатып алды.

- Садыр, - деди уйкусу ачыла түшкөн Гүлайым.

- Ийи.

- Сенин бир сырың бар, мага эмнеге карабай калдың?

- Эмне? - Садыр чоочуп кетти, - Эмне дедиң?

- Эки жыл болуп баратат, мен деле адаммын да, сен менден качкандай болуп калдың, же бир менден жакшысын таап басып кете албай кыйналып жүрөсүңбү? - Гүлайым көптөн берки жүрөк өйүгөн суроосун берди.

- Койсоңчу байбиче, менде андай ой жок, Шумкар менен Канайымды ойлосом жанымды коеор жер таппай кетчү болдум…

- Мени ойлобойт дейсиңби, сенден көбүрөөк ойлоном, анткени энемин, сенин бул кыялың андан мурун башталган, ошондон бери мени карайын деген оюң жок…

- Кой байбиче, ушунча жыл бирге жашадык, жаман жакшы айтышпадык, балдарды өстүрдүк уул-үйлөп, кыз бердик, сени эч кимге алмаштырганым жок, - дегенде аяк жагына оор бир нерсе менен чапкандай бакырып жиберди.

- Эмне болуп кетти?

- Билбейм, бутумдун тарамышы катуу ооруп кетти, - деди да кулагына угулган дабышты тыңшап калды: "Чындыкты айт, болбосо баарынан айрыласың, калп айтканыңдан сени жек көрөм", - деген сөз кулагына угулуп турду.

- Оорубай калдыбы?

- Ооба-ооба…

- Садыр, сенден түңүлүп баратам.

- Эмнеге, иий бутум, а-ай бутум, а-ай! - деп бакырып отура калды.

- Капырай эмне болду? - Гүлайым дагы туруп отурду, - Ооручу эмес эле го?

- Бүгүн эле, азыр эле…

- Сууктап ооруп жаткан окшойт?

- Ким билет?

- Жат эми.

- Азыр, - деп эки жагын элеңдей карап чалкасынан жатып калды.

- Ушу сен соо эмессиң.

- Кайдагыны айта бербечи, - Жактыра бербеди, чындыкты айтуу ал үчүн өлүм болуп турду: "Айт чындыкты, болбосо аялыңдан айрыласың, эмнеге калп айтасың, мени карыз дегениңди кантип кечирем, сенин күнөөң көп", - деп дагы бутка чаптыбы, урдубу бакырып жиберди. Ошондо Гүлайым чыдай албай кетти, туруп жарыкты күйгүзүп төшөктү ачып бутун сыйпалап көрдү, шыйрагына келтек тийгендей көгөрүп чыгыптыр:

- Ой сенин бутуңа бирдеме тийген го, уруп алдың беле?

- Ооба, - деп койду, эмне деп айтаарын билбеди.

- Качан уруп алдың, шишип бараткан го?

- Ооруп жатат тийбечи, - деди Садыр сиркеси суу көтөрбөй, экөө күңкүлдөшүп жатып таң атырды, эртең менен бир нерсе сыйпамак болуп күйөөсүнө боор ооруган Гүлайым мазь алып:

- Келе бутуңду, маздан сыйпап коеюн, дарыканага барганча, - деп бутун ачып көрүп көзү чакырайып кетти, - Ой, эчтеке жок го?

- Эмне болуптур? - Садыр өзү дагы таңгалды.

- Түндө көк-мөк болуп турбады беле?

- Мен кайдан билем? - деп бутун тартып алды. Эртең мененки чайларын ичкенден кийин Садыр эч кимге айтпай жолго чыкты: "Ушу кеткен боюнча келбей калсам кана, үй-бүлөөмдүн азап тартканын көрүп турганча өлгөнүм артык, болгон сырым өзүм менен кетсин", - деген ойдо таксиге отуруп Айдайдын мүрзөсүнө баратты. Ал түшкө жакын жетти, келме келтирип алды, анан алыстан көрүстөндү карап туруп: "Мени кабыл ала көр жараткан, кылган күнөөм ушул жактан дайынсыз калсын", - деп ылдамдай басып баратканда ачуу чаңырык чыкты, кыштын алгачкы күндөрү болгондуктан кыламыктап кар жаап, бет алдыдан ызгаар суук келип турду. Эки жагын караса эч ким жок, бир кезде башын кармап жер карап туруп калып көздөрү чакчайып кетти, кыламык кардын үстүндө жылаңайлак издер өзүн айлана түшүп калыптыр:

- Кечир мени, кечир Айдай, мен сенден кечирим сурап келдим кечир! - деп кыламык үстүнө тизээлей калып куран окуп бата кылды, анан өйдө болуп көрүстөндү көздөй жөнөдү, ошол кезде анын алды жагында жылаңайлак из баратты, өлүмгө да даяр болуп турган Садыр эч нерседен коркпой улам келме айтып коюп кете берди, из улам алды жагында карааны көрүнбөй кадимки киши басып бараткандай түшүп жатты…

Көрүстөнгө жетип Айдайдын мүрзөсүнө жакындаганда изден көзүн албай бараткан Садыр мүрзөгө жетип эстеликтин түбүнө отуруп алып көзүнүн жашын төгүп: "Кечир мени жараткан, колум менен кылганымды өз мойнум менен тартууга даярмын, балдарыма тийбе, ошол эки балам үчүн ыраазымын, эки уулум менен бир кызымдын жанын аман кой, өзүмдү ал, күнөөм үчүн даярмын", - деди күңгүрөнө, анан отуруп куран окуп кирди, көзүн жумуп алган, бата кылып көзүн ачса мүрзөнүн үстүнө киши отургандай кар үстүндө белги турат, жүрөгү болк этип алып дагы окуду куранды, кайра-кайра куран окуп жатып күүгүм кирип кеткенин да байкабады: "Айдай кечир, бар күнөөм үчүн жооп берейин, менин жанымды ал, балдарымды аман калтыр, кечир мени", - деп көз жашын аарчый көпкө тунжурап отурду. Эч шоокум же дабыш билинбеди, отурган жеринен козголбоду, моло таштай соксоюп отура берип бир кезде уктап кетти, ошондо бир сакалы жайкалган абышка көрүндү: "Балам, сенин бул жакка келээр убактың боло элек, жаныңды кыйнагандан эч пайда жок, үйүңө кайт, сен күнөөлөрүңдөн арылуу үчүн өз үйүңдөн кет, ошондо гана үй-бүлөөң аман калат, сенин залалыңдан алар жабыркашы мүмкүн, аялың дагы бир аллада, барып көр да, дайныңды билгизбей кет, кийим-кечең дагы калбасын", - деп көздөн кайым болду, эми эле көзү илингендей болгон, таң атып калыптыр. Эки жагын карап кабырдын үстүнө көз жүгүртсө кечээги изден дайын жок, буттары зыңгырап уюп калган экен зорго турду, үшүгөнү дагы билинбейт, башын шылкыйта көрүстөндөн узап баратканда анын алдынан эки-үч адам чыкты, алар кечээ жакында өлгөн адамдын жакындары эле. Садыр үйүнө келсе аялы эчтеке билбей жатыптыр:

- Гүлайым, акыбалың кандай? - деди отура калып.

- Жакшы, - Гүлайым шыбырап жооп кылды, оозу зорго эле кыбырады, - Садыр, мен дагы кетем го, балдарга көз сал, жакшылап кара.

- Эмне деп жатасың Гүлайым, жакшылыкта сүйлөчү.

- Түндө түшүмдө Шумкар кирип жатыптыр, - Гүлайым жылмайган болду, - Садагаң кетейин десе, баягысындай эле мени келип кучактап алып жүрү апа, мен сага кызык көрсөтөм, деп колтуктап кетип жатат, - Үшкүрүп алды, - Ал дүйнө ошондой эле адамдар үчүн жайлуу болсо баламдын жанында болгонум жакшы го…

- Кайдагыны айтпачы Гүлайым, баламдын тиги дүйнөсүн берсин, жаны жаннатта болсун, сен сакайып кетесиң, эртең ооруканага алып барып көрсөтөм, сакайып кеткенди ойло байбиче, - деп колдорун кармап көзүнөн жаш чыгара көпкө үнсүз отурду, - Эртең ооруканага баралы ээ?

- Бүгүнкү түндөн чыксам…

- Андай дебечи байбиче.

- Чын дүйнөгө көчкөндөн качпайм Садыр, аякта ата-энем, бир тууганым, уул-кызым бар, мени тосуп алышат.

- Садыр, угуп жатасыңбы?

- Ооба, угуп жатам, ашыкча сүйлөбөсөң болмок, Кумар менен Умар, Даткайым кантет сенсиз, мен сендей боло аламбы?

- Сен аларга камкор бол атасы, - дегенде Садырдын көз алдына ак сакал карыянын айтканы угулду: "Сен алардан кет, сенин күнөөңдүн залалын алар тартышпасын", - дегени жаңырганда: "Мен сөзсүз кетишим керек, мен кетсем эле Гүлайым сакайып кетээр", - деп ойлонуп ордунан шарт турганда аны бир күч түртүп жиберди эле эмелеги ордуна отуруп калды: "Сен дагы эле кетпепсиң го, канткенде сенден кутулам", - деп ойлонуп турганда: "Сен аялың өлгөндөн кийин кетесиң", - деген үн угулганда:

- Жо-ок, мен сени жек көрө-өм, жек көрөм сени, керекпи мени ал! - деп жинди болгон эмедей босогону карап бакырып жиберди.

- Садыр, сага эмне болду?

- Эчтеке, - деп күңк этип койду.

- Мени жек көрсөң эбак кетип калсаң болмок, - деди Гүлайым муңайым үнүн дирилдете, - Сенин ушунтээриңди билгемин…

- Гүлайым, сени айтканым жок, - деп аргасы кете шашып калды.

- Кимди, менден башка кимди айтып жатасың Садыр? - Садырды суроолуу карады, - Айтчы кимди айттың?

- Гүлайым, көп эле кыйнала бербечи, - деп туруп босогого барды, сактанып акырын эшикти ачты, Кумар кирип келе жатыптыр, - Келдиңби балам?

- Ооба ата, апам кандай?

- Өзүң кирип көр, - деп чыгып кетти, ал кийимдеринин баарын чогултту, анан керектүүсүн бир баштыкка салып, калганын күүгүм кире сарайдын арт жагына алып барып өрттөп ийди, ошол убакта өрттүн ичинен соймоңдогон жалын өйдө көтөрүлүп кайра жайылып туруп жылаандай ийрелеңдеп келип Садырды чаап өттү, дароо кийимине жармашты эле күйө баштады, бирок төбөдөн кар сампарлап жаап келип жамгыр аралаш төгүп ийип үстүндөгү от өчүп калды: "Менин жазам деги кандай, өлүмгө кыйбады, тирүүлөй жазалануум керек беле, неге акмакчылыкка бардым экен, мындайды билсем кыл баспас элем го", - деп артына кайрыла бергенде Умар кыйкырып калды:

- Ата, апам сизди чакырып жатат!

- Баратам балам, - Шашылып кирип келсе Гүлайымдын көзү чакчая дем ала албай муунткандай болуп жатыптыр, - Гүлайым, Гүлайым эсиңе келчи, - деп колдорун кармап, жаакка чапкылаганда кыңылдай көзүн ачты:

- Садыр… Садыр сен балдарга көз бол!

- Антпе Гүлайым, - Садыр ыйлап ийди.

- Баары, - Онтоп алды, - Баары сен үчүн экенин билем, мени муунтуп жатат.

- Гүлайым, эмне дейсиң, ал ким?

- Мен сени күнөөлөбөйм, - деди да дымы чыкпай калды, ошентип үзүлүп кетти, балдары ызы-чуу болуп калганда айыл коңшулар аяк-бияктан чогулуп келип калышты: "Өлгөндүн жазасы көмгөн", - дегендей аны дагы жерге беришти.

Кызынын кыркына жетпей Гүлайымдын кете бергенине элдин үрөйү учуп ар кимиси ар кандай жоруп жатышты, ал тургай каргышка калган имиш, - деп да жиберишти, көптүн оозун ким тыймак эле, эки аялдын башы кошулса эле Садырдын үй-бүлөөсүн сөз кылып жатышты.

- Капырай, биринин артынан бири кетти, кудай сактай гөр, эми калганын аман койсо экен.

- Ай, Садырдын бирөөнүн каргышына калганын уктум.

- Кандай каргыш экен ал?

- Такси айдап жүргөндө бир жаш кызды зордуктап коюптур дейт, кыз каргаптыр да.

- Койсоңчу ай, Садыр канча жылдан бери биз менен коңшу, кудуң-шудуңу жок эле жашачу, же көз тийди, байкуш Гүлайым экөөнүн бир жолу да урушуп-талашканын көргөнүм жок, адамдын көзүнө таш жарылат эмеспи.

- Ким билсин, өткөндө мага бирөө айтты да.

- Көзүң көрбөсө көчүгүңдү бөрү жесин дегендей байкуштарга эле кыйын болду, - дешип үчүлүк-жетилигин өткөрүп жатып казан-аяк кармагандар шыбыр-күбүр болуп тарашты, Кумар менен Умар сыртта боздоп ыйласа, Даткайым апасына сиңдиси менен агасын кошуп боздоп жатты, Садыр эркектер келгенде өкүрүп коет дагы нез болгон эмедей отурат. Теңтуштары менен достору көңүл айтмак болду эле оозуна албады. Ошол түнү Садырдын кайда кеткенин билбей да калышты, эртең менен туруп Айбек менен Кумар жаткан жеринен таппай калды, Даткайым үй-бүлөөсүн таштап эки инисин жалгыздатпай ыйлап-сыктап келип алды. Эки баласы бар, аз өтпөй күйөөсү дагы келип калды. Айбек аерден кетпей кайнагасынын дайынсыз жоголгонуна таңгалып жүрдү: "Кайып болгонду уктум эле, илгери болгон экен, акем кайда кетти, аялынан эки баласынан айрылууга чыдай албай бир жакка кетип калдыбы, кайда барат, эмне болот", - деп ойлонуп башы катып, бир чоң үй-бүлөөдөн үчөө калганын зээни кейип өзүнөн-өзү коркуп жүрдү: "Кудай сактай көр, балдарым аман болсунчу", - деп ойлонуп алат. Бир күнү Кумар эртең мененки чайга отурганда:

- Мен атамды избесемби? - деди жооп күтүп баарын карап.

- Кайдан издейсиң балам? - Калыс муңая сурады.

- Билбейм, элдин ичинен издейм, жол-жолдон издейм, райондун борборуна барып морктон издейм, аны таппасам болбойт, шаарга кеттиби…

- Мен дагы кошо барайынбы? - деди Умар.

- Сен келген-кеткенге куран окуп тур.

- Каякка кетет, эмнеге айтпай кетет? - деп Умар кабагын бүркөп отуруп калды. Кумар кийинип алып чыгып кетти, Даткайым үнсүз солкулдап ыйлап жатты, көзүнүн жашы көл дайра, күйөөсү эч нерсе дей албай сыртка чыгып кетти, Умар чыгып кетип апасы менен агасынын мүрзөсүнө келип куран окуп эки жагын карады, дайын жок, же бир из түшпөптүр, көпкө ыйлап отуруп анан үйүнө кайтты. Ал келгенде баары күтүп отурушуптур.

- Эмнеге кечиктиң? - деди Даткайым.

- Апамдын мүрзөсүнө бардым… - Эч кимиси үн дебей калышты. Калыс ичи сыйрыла боору ооруп сөз айта албай:

- Суукта үшүдүң го балам, ысык чайдан ичип алчы, - деди кайсактай.

- Үшүгөнүм жок, жымжырт экен, мурда мүрзөдөн коркчумун, бүгүн коркконумду деле билген жокмун.

- Мындан кийин жалгыз барбай жүр, - деди Даткайым.

- Эмнеге, акем менен апамды эстегенде барып турам, Канайым эжем го алыста калды, - деп улутунганда Даткайым ыйлап ийди:

- Өлгөнү өлүп арабыздан кетсе, атама эмне болду, ал бизди дагы өлүп калат деп коркконунан качтыбы, неге бирибизге айтпай, апамдын топурагы сууй электе жоголуп кетет, же илгерки уламыштагыдай кайып болуп кеттиби? - Буркурап жатканда күйөөсү Элдар:

- Датка, койчу эми ыйлай бербей, сени көргөн Умар андан бетер ыйлап жатат, сен аларга кайрат болгондун ордуна минте берсең эмне болушат? - деди акырын.

- Кой садага ыйлаба, апаң жакшы аял эле, Шумкар андан бетер, жакшы адам тиги дүйнөгө керек болот тура, көп ыйлаба, өзүңдүн эки иниңдин өмүрүн тиле, - деп Калыс Даткайымды кучактап сооротуп жатканда Умар:

- Жеңе, сиздин барыңыз дагы кандай жакшы, апамдай болуп бизге мээримиңизди төгүп жатасыз, акем өлбөгөндө эмне, - деди көз жашын аарчый.

- Садага болоюндарым ай, колубуздан келээр иш болсо кана?

- Атам келип калса экен, тирүүнү күткөн жаман тура.

- Балам, ал дагы кайгыга чыдабай басып кетсе керек, силерди көрүп өзүн жаман сезгендир, жыйырма күндөй болуп калды, ойлонуп келип калаар, - деди Калыс.

- Иши кылса аман болсо болду, - Даткайым улутунуп алды, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, Калыс менен Айбек үйүнө кетти, Алтынайдын боюнда бар болчу, баласы басып калган, апасынын үйүнө барып кээде Асылайды алып келип алат, оор басырыктуу келин болгон. Асылай студент, апасы экөө бирге жашайт, мурункудай жалгыз калганда коркпойт, анткени жигити Урматты чакырып алып комнатасында компьютер менен отура беришет, Салтанат Урматты тааныйт, өзүнүн курбусунун баласы…

Салтанаттын күндөн-күнгө аброю артып, кадыр-баркы көтөрүлүп сыйлагандар, ресторанга чакыргандар көбөйдү, Болот аялынын урушканына карабай келе берет, Салтанат анын байлыгына кызыгат, анткени шаардын четиндеги айылдардын биринен заңгыраган там алып берди, аялы телефон чалып, урушуп Салтанаттан ачуусун чыгарып болду бейм кийин тынчып эле калды. Болот Салтанаттын ар кайсы чоңдор, депутаттардын кээ бирөөлөрү менен конокто болгонун угуп билип калса кадимкидей кызганат. Кийинки жолу келгенде ачууланганын билдирбеске аракеттенип ага карады да минтти:

- Деги эле артисти аялым дебе дегенге ишенчү эмесмин.

- Муну менен эмне айткың келет?

- Мен сенин артыңдан баарына кайыл болуп жүрсөм сен кайдагы бир чиновниктер менен ресторанда жүрөсүң.

- Кызык, урмат-сыйдан ким качсын? - Жылмайып койду Салтанат, - Анын эмнеси жаман?

- А менчи, мен сени сыйлабаймбы?

- Болот, эгерде күйөөм болсо тартынат элем, бойдок экенимди билишет, кандай шылтоо айтам? - Сынай тигилди.

- Күйөөң болбосом да бардык жактан камсыздагам, ар убак күткөн адамың бар, - Ачуусун жута араң сүйлөдү.

- Болот, баланын сөзүн сүйлөбөчү ээ, мен күйөөгө көз каранды болбос үчүн бир жолду тандап алгамын, демек мага эч ким жолтоо болушу мүмкүн эмес, - деди силкине, - А чынында азыр тапканым өзүмө жетет, эчтекеге муктаж эмесмин!

- Салтанат, мен үй-бүлөөмдөн чыгып келип сени менен жашайын деп жатпайынбы, кабыл албайсыңбы мени?

- Эмне, аялың кантип сени бошото койсун, - Ишенкиребей карап калды, - Сынап жатсаң мен мындайга чыдай албайм, кадырымды бир ойношум тебелеп-тепсешине жол бербейм, - деп Салтанат сиркеси суу көтөрбөй кабак түйдү, - Айтарыңды айтып болсоң бара бер!

- Салтанат, анчалык катуу кетпе, мен сенин кадырыңды тебелейин дегеним жок, билсең сени менен калгым келет, - деди аны өзүнө тартып, - Айтчы, менин сөзүмө ишенбейсиңби? - деди сурдана.

- Ишенгим дагы келбейт.

- Неге, мен чын айтып жатам.

- Оюнду койгонду жакшы билет экенсиң.

- Ыя, кандай оюн?

- Аялың менен ажылдашкым келбейт.

- Аялымды сүйлөбөс кылгам.

- Баягыда эле айткансың.

- Салтанат, сен ушундай аял экенсиң да, адамдын адамын эмес байлыкты көздөйт турбайсыңбы, мен сенде аялдык жакшы касиет бар бекен деп далай байкадым, көрсө сен байлык менен мансапты эңсеген алсыз, арсыз аялдардын катарына кирет экенсиң, кош бол! - деди да чыгып кетти.

- Билгениңди кылчы, тирүүлүктө бир берилген мүмкүнчүлүктөн кайсы пенде баш тартсын, мага кудайым үн берди, өнөр берди, ошонун арты менен жашасын деди, мен өз мезгилимди өткөрүп ийип өкүнө тургандардан эмесмин, - деп өзүнчө кытмыр жылмайып алды да залга кирип креслого жата кетти. Ошол убакта Асылай менен Урмат келип калды:

- Саламатсызбы эже? - Урмат ызаат кыла учурашты.

- Келе гой, апаң үйдө элеби?

- Жок, апам бир конокко кетти.

- Качан?

- Жана, бир сааттай болду.

- Аа-а, - деп койду да Асылайга кайрылды, - Асылай мен чакырууга саат алтыда кетем, Урмат экөөңөр тамак жасап ичип отура бергиле, - деди да боенчу бөлмөсүнө кирип келди.

- Охо-оо, менин мамам берген приказды сенин апаң дагы берет тура, Асылай сен кандай дейсиң, мен эч качан артистерди көргүм келбейт, а сенчи?

- Мен дагы, эгерде балалуу же кыздуу болсом эч качан артист болууга уруксат бербейм, - деп Асылай күлүп койду.

- Экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыкты, - Урмат жылмая, - Асылай, сенин апаң мага, менин апам сага ишенет, ойлосоң бойго жеткен улан-кызды бир үйгө ээн таштагандары кызык, сен кандай деп ойлойсуң?

- Андан эмне болмок эле?

- Деги да, бойго жеткен улан-кызды…

- Урмат, сен эмнени айтып жатасың?

- Койдум-койдум, - Урмат күлүп калды, - Жигитиң барбы Асылай?

- Ооба, - Күлүмсүрөй көзүн сүзүп койду.

- Ким, мен тааныймбы?

- Тааныйсың, - Кыткылыктап күлүп кирди.

- Ким, айтсаң эми.

- Айтпайм, айтсам менден качып кетет.

- Эмне угуп коюптурбу?

- Көрүп турат.

- Кана, каерден көрүп турат? - Урмат туруп терезеден сырттагы коюу караңгылыкты карап кайра кайрылып Асылайдын жанына келди, - Эшикте түн, асманда жымыңдаган жылдыздардан башка эч нерсе жок, деги табышмактатпай жөн айтчы.

- Урмат, адегенде өзүңдүн кызың барбы, ошону айтып берчи.

- Менин кызым жок, бирок бирөөнү сыртынан жакшы көрөм, айта албайм, - деди Урмат жер карап ойлуу.

- Ал ким, айтчы Урмат, эгерде сен айтсаң мен дагы айтам.

- Жок Асылай, мен айта албайм.

- Эмнеге?

- Анткени мен аны катуу сүйөм.

- Кызык экен, мен орточу болуп бербейинби?

- Жок, орточусу жок эле…

- Өзүң айтасыңбы?

- Кат жазам, апам мени үйлөнтөм дейт, мен сүйүүмдү жеткире албай кыйналып бүттүм, - деди Асылайга көз кыйыгын кадай.

- Эй, эмитен элеби?

- Эмне экен, жыйырмага чыктым, жалгыз баламын.

- Апаң сени үйлөнтөм десе кыз тапкандыр да.

- Апам жактырган кыз мага жакпайт.

- Анан эмне кылайын дейсиң?

- Мен сүйүүмдү сөзсүз билдирем.

- Сен сүйгөн кыз апаңа жакпасачы, Акылай эжени жакшы билем го?

- Анда таптакыр үйлөнбөйм.

- Эмне үчүн?

- Сүйүүсүз жашоо болмок беле Асылай, бул жашоого бир келсек, сүйбөгөн адам менен өмүр өткөрүүгө кантип болсун? - Урмат Асылайды сырдуу карап, - Сен сүйүүсүз жашайт белең? - деди.

- Эгерде мени жактырган, чын дилинен сүйгөн адам болсо жашашым мүмкүн, - деп Асылай шоктоно күлүп койду да, - Кой кардым ачты, сен отуруп тур, мен тамак жасайын деп ашканага кирди, Урмат кошо чыгып ага жардам бермек болду, Асылай тим койду, экөө тамак жасап ичип анан кино көрүүгө залга өтүштү. Түнкү он эки бирде Салтанат келди, бирок аларга көрүнбөй өз бөлмөсүнө өтүп кетти, ал өтө кызуу болчу, бөлмөсүнө өтүп спальныйга чалкасынан түшүп жатты да уйкуга кирди, Асылай билди, ал апасынын кызуу келгенде ушинтээрин билчү. Урмат кетип ал бөлмөсүнө кирип жатып калды. Эртең менен ойгонгон Салтанат башы ооруп зорго турду да ашканадагы шкафтан адатта турчу ичимдикти алып куюп ичти да кайра бөлмөсүнө кирип күзгүсүнө келип отуруп өзүн-өзү карап көп тигилди: "Мен каалаган максатыма жеттим, кадыр-барк күттүм, дагы эмне жетишпейт, мен өзүмдүн карьерамды гана ойлонуп жашоом жөнүндө ойлогон эмес экенмин да, үй-бүлөө биринчи кезекте болуш керек экен, мен жаңылган окшойм, мансаптуу менен байлардын көңүл кушун көтөрүп үнүмдү созуп ырдап, алардын көз кырында болгонум менен алар менин өзүмдү эмес талантымды сыйлашат, ырымды сүйүшөт, а өзүмдү бир күндүк гана эрмегиндей көрөт, моокумун кандырганды жактырат, мага мындай жашоо жакпай баратканын эми сездим, чоң жаңылган экенмин", - деп терең дем алып алды. Ошол кезде эшикти кыңкайта ачып Асылай баш бакты:

- Ойгондуңузбу апа?

- Ооба кызым.

- Апа…

- Эмне болду кызым?

- Мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деп жанына келип артынан кучактап күзгүдөн карап апасына эркелей өөп коюп кайра ойлоно түштү, - Апа, кокус мен дагы турмушка чыгып кетсем жалгыз каласыз го? - деди бир нерсени жүрөгү сезгендей.

- Ай тентегим десе, анан эмне дегиң келет, сен турмушка чыгып бактылуу болсоң мен кубанбайынбы? - Башын бура кызын өөп, - Эмне жигит таптыңбы? - деди жылмая.

- Жо-ок, - Асылай кызарып кетти, - Тапканым жок, кокус дегеним да апа.

- Эмне кыл дейсиң анан?

- Сиз жашсыз, атактуусуз…

- Анан?

- Турмушка чыгып албайсызбы.

- Он жинди кыз десе, эми күйөөгө тий дегени турасыңбы?

- Эмне болот эле, жалгыз каласыз го, дайым эле сахнада же тамада болуп жүрө бербейсиз, үйдө болгондо жалгыз каласыз, Алтынай эжем өз үй-бүлөөсү менен, мен өзүмчө кетсем сизге жаман болоор дейм?

- Акылдуум менин, - Салтанат кызын бооруна кысты, көзүнө жаш кылгырды, - Кызым, мен жалгыз калсам дагы силер бактылуу болсоңор болду, эне үчүн балдары бактылуу болсо андан өткөн бакты жок кызым, мен үчүн кам көргөнүңө ыраазымын…

- Мен сизди көп ойлойм апа.

- Садагам менин.

- Апа.

- Айта гой кызым.

- Атам жакшы адамбы?

- Эмне дедиң? - Салтанаттын жүрөгү зырп этип алды: "Ал жакшы адам эле, өз максатым үчүн анын сезимин четке каккамын деп кантип айтам, курган кызым ай, силерге атанын орду башкача болоорун эселек акмак жаным кайдан билдим, ушул суроону жыйырма жылдан кийин берээриңди билсем атаңдын айтканына көнүп жөнөкөй гана аял болуп жашай бермекмин", - деп ойлонуп калганда Асылай:

- Апа, эмнеге ойлонуп калдың? - деди башын көтөрө, - Атамды сүйгөн жок белең, айтчы апа?

- Койчу балам, - Салтанат терс бурулуп кетти, - Өткөндү эстетпе, анда атаң экөөбүз тең жаш экенбиз…

- Сиз атамды сүйгөн эмес экенсиз, мен түшүндүм, анткени ал жөнүндө сөз баштагыңыз келбейт апа, - деди Асылай дулдуя.

- Макул эми, чай ичели, жуунуп чык, - деп ордунан тура жөнөдү.

- Макул, жок дегенде атам жөнүндө айткыңыз келбеди…

- Атаң жакшы киши болчу, - деди да унчукпай ашканага кирип чай койду, муздаткычтан эт алып тамак жасамак болуп жатып чайды өчүрүп ичимдиктен дагы бир куюп жутуп алып көзүн жумуп көпкө турду. Анын көзүндө өткөн балтыркандай солкулдак кези, Бектур Конокбаевичтин өзүнө жалдырай тигилип карап: "Сакиш, мен партиянын кызматкеримин, эгерде ажырашам десем аялым арызданат, кызматымдан түшөм, аброюм кетет", - деп жалдыраганы эсине түшүп: "Мен ошондо эле жаңылыпмын, үй-бүлөөмдүн алдында кечирилгис күнөө жасаган экенмин, адам жаңылбас үчүн алгачкы кадамды ташташ керек тура, балдардын эртеңкисин ойлоого чамаң келбей арылдаган шамал сымал бир өтүп кетчү өмүрдүн баркын баамдабаган экенмин, көрсө балдарга атанын дагы мээрими керек экен да", - деп ойлуу телмирди. Асылай ваннадан чыгып келип апасын карап бир аз турду да артына бурулду: "Ойлонуп алсын, балким бир чечимге келээр, Алтынай экөөбүз тең ата деген эмне экенин билбей өстүк", - деп чырылдаган телефонго жетти:

- Алло, угуп жатам, ооба-ооба, азыр чакырам, - деди да ашкананы көздөй үн салды, - Апа, телефонго!

- Ким экен ал? - Салтанат кирип келди.

- Билбейм, - Асылай трубканы берип ашкана жакка басты.

- Алло, угуп жатам, ким экен? - дегенде ары жактан тааныш үн угулду:

- Салтанат, мен Болотмун, жолуксак болобу, маанилүү иш боюнча сүйлөшөт элек.

- Айта бер, угайын.

- Телефондон айтчу сөз эмес, баягы жолукчу кафеден күтөм, - деди да трубканы коюп койду.

- Ким апа?

- Күйөрмандардан го…

- Бир жакка барасызбы?

- Ооба, тез эле келем.

- Макул, мен дагы чайды жалгыз ичет экенмин да.

- Капаланба, чай-тамакты чогуу ичип анан барам.

- Ыраспы? - Асылай апасына кубанычтуу күлмүңдөй карап мойнуна асылды, - Апакем менин ырысым!

- Силер менин ырыс бактымсыңар, эгерде бирөө мага карьераң менен бактылуусуңбу же балдарың мененби десе балдарым менен деп айтмакмын.

- А мурда ошенткениңизде биз атабыз менен болмокпуз ээ апа? - деди Асылай апасын мостое карап, эмелеки бактылуу жылмаюунун түрү жок, заматта өзгөрүлө түштү, - Кечирип коюңузчу апа, кийинки кезде мен көрбөгөн атамды көргүм келип, анын кандай адам экенин жакындан билсем деген ойдомун, неге экенин мен өзүм дагы билбейм, - деп ашканага кирип чайды демдеп апасына чай куюп сунду, экөө унчугушпай тамактанышты.

- Мен кеттим, тез эле келем, - деди да Салтанат кийинип чыгып кетти. Асылай үндөбөдү, мелтиреп кашыкты чыныга ургулап отура берди, бир кезде телефон чырылдады эле барып: "Ким болду экен, дагы апамдын поклонниктериби", - деп көпкө ойлонуп туруп анан трубканы ала койду.

- Алло-о ким бул? - деди көңүлсүз, арытан Урматтын үнү угулду.

- Асылай, үйдөсүңбү азыр?

- Ооба, эмне болду?

- Жолукпайлыбы?

- Ошончо зарылбы?

- Ооба, абдан зарыл, сен капалуусуң го?

- Жок, жөн эле өзүмдүн көңүлүм жок.

- Азыр барам, - деп трубканы коюп койду, Асылай түүт-тү-үт деген трубканын дабышын тыңшагандай ойлуу туруп: "Урмат экөөбүздүн тагдырыбыз окшош, анын дагы апасы өз максатын көздөп баласынын тагдырына кайдыгер караган экен, неге энелер көбүнчө балдарын ойлобой өзүн гана ойлошот, балким карды ток, кийими бүтүн болсо эле баары жайында болот деп ойлойт го, жо-ок энелер, балдарга ата менен эненин мээрими дайыма бирдей керек. Эгерде мага максатым үчүн чоң жол ачылып, турмуш жолумда дагы бурулуш болуп калса мен биринчи өз керт башымдын гана жолун тандамакмын, албетте экинчи ирээт карьерамды", - деп ойлонуп турганда эшик чыр этти. Асылай жетип эшикти ачып:

- Кел, - деди жол бошото.

- Кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Эң сонун Асылай, менде жакшы кабар бар.

- Кандай кабар?

- Сен экөөбүзгө тиешелүү.

- Кандайча?

- Азыр, өзүмдү колго алып алайын, - Урмат ичкери кирип креслого отурду, - Сен билесиңби? - Асылайга кубанычтуу карады.

- Эмнени?

- Менин апам сени жакшы көрөт экен.

- Анан…

- Анан ошо…

- Эмне, - Асылай кыткылыктап күлүп жиберди, - Жаңылыгың ошолбу?

- Жаманбы?

- Жакшы дечи, подругасынын кызын жакшы көрсө эмне экен?

- Чынында кандайча айтып түшүндүрөрүмдү дагы билбей турам, - Урмат Асылайдын жанына келди, - Апама аябай ыраазымын!

- Албетте, энеге ыраазы болуу керек.

- Таптакыр башкача, сен түшүнчү…

- Эмне дегиң келет, отуруп сүйлөчү Урмат, ансыз дагы башым ооруп турат.

- Болуптур, сүйлөбөй эле койдум, - Урмат отуруп калды.

- Жүрү, тамак ич.

- Кардым ток.

- Эмне таарындыңбы?

- Таарынганым жок, мен кетүүм керек, - деп көңүлсүз ордунан турду.

- Аа-а баса, кызыңа бардыңбы? - Асылай жарк этти.

- Жок, эми кереги жок.

- Эмнеге?

- Ал мени сүйбөйт экен.

- Кантип билдиң, өзү айттыбы?

- Көзүнөн көрдүм.

- Жолуктуң беле?

- Күндө жолугам.

- Кантип, сен мени менен эле жүрөсүң го? - Асылай Урматтын эмне деп айтаарын билип турса дагы билмексен боло аны демитип сурай берди, - Мен ортомчу болуп берейин десе болбойсуң.

- Асылай жакшы кал, - деп коштошуп чыгып кетти Урмат, ал отурган креслонун четине кат таштап койду, аны Асылай байкаган жок, кайрадан санаага батып жалгыз отуруп калды, анан Алтынайдыкына барып келүүнү ойлонуп кийинип чыгып кетти. Бул кезде Салтанат ресторанда Болот менен сүйлөшүп отурду.

- Сакиш, сен мага ишен, мен аялыма ачык айттым, ал мени түшүндү, ага байлыгымдын жарымын балдарым үчүн фирмамды калтырмак болдум.

- Бирөөнүн көз жашы, көкүрөк дарты бирөөгө бакыт алып келбеси белгилүү Болот, сенин үй-бүлөөңдүн ажырым болушуна себепкер болуп кантип сени менен бактылуумун деп эсептейм?

- Ал эч кандай экөөбүзгө каршылык кылбайт Салтанат.

- Түшүндүм, бирок балдар сени түшүнүшөбү?

- Эмнеге түшүнбөйт, эң сонун түшүнөт, аларды камсыздандырып койдум, мен өз фирмамдын филиалын ачам.

- Билбейм Болот, ойлонуп көрүү керек.

- Макул, сен ойлонуп көр, мен иштеримди бүтүрүп сага чалам, жолугуп турабыз, кел эми мындан алып коелу, биздин ой-тилектерибиз ишке ашышы үчүн! - деп рюмканы өйдө көтөрдү.

- Эмнеси болсо да бири-бирибизге жамандык алып келбей турган бололу, көп ойлонуп анан чечүүбүз керек, эми биз жаш эмеспиз, - Салтанат дагы рюмканы көтөрө алып ийди.

- Мен көп ойлондум.

- Болот, - Салтанат Болотту сын көзү менен күлүмсүрөй тиктеди, - Мен артистмин, эрте кетем, кеч кайтам, конокко чакырса барам, сыйлагандын кулумун кыскасы, сенин жаныңа батып кетпейби…

- Сен мени менен гана барасың, уруксат берсем.

- А мен сага айтууга үлгүрбөй калсамчы?

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Мүмкүн, жашоодо баары болуусу мүмкүн Болотик, - деп күлүп койду.

- Салтанат, сен мени жашооңо киргизгиң келбей жаткан болбо? - Болот кызыктай болуп кетти, - Эгерде үйлөнсөк бири-бирибиздин шартыбызга көнүүбүз шарт, же туура эмеспи?

- Мен үй-бүлөөнүн сырын билбейм, жашымда болсо эч баркын билбепмин, мага болгону максатыма жетүүм керек деген ой болгон.

- Кызык, никелешсек дагы сен өз билгениңдей болуп жүргүң келеби?

- Мен үчүн баары бир.

- Демек мени менен турмуш кургуң келбейт.

- Ошондой.

- Түшүнүктүү, биз качан жолуксак дагы ушундай маанайда бөлүнөбүз, сен бир сөзүңдөн танбайсың, же мен сен үчүн адам эмесминби?

- Болот, урушпачы мени, менин башым айланып калды, үйгө кетейин, - деп Салтанат өйдө болду, - Керек болсо өзүм чалам, жакшы кал.

- Мен жеткирип салайын.

- Кереги жок, такси менен кетем.

- Эл көрөт, өзүм жеткирем, - деп Болот Салтанатты колтуктап ресторандан чыгып унаасына салды да айдап жөнөдү. Алар келгенде Асылай үйдө жок эле, Алтынайдын үйүнө кетип калган.

- Болот, сен кете бер, мен өзүм кирем рахмат, Асылай үйдө, - деп Салтанат эшигине келсе бек экен, сумкасынан өзүнүн ачкычын алды да ачып кирип кетти. Болот бир аз карап туруп: "Эн-неңди, аялдарга бийлик тийбесин, колу айга жетип калгансып сетирейет, өз катынымдан сени артык көрүп барымды чачкан мен акмак", - деп жиндене унаасын катуу айдап жөнөп кетти. Салтанат ичке кирип креслого отуруп алып Болоттун айткан сөздөрүн, өзүнө берген баалуу белектерин ойлонуп кызынын сөзү кулагына угулду: "Апа мен турмушка чыгып кетсем сиз жалгыз каласыз, турмушка чыгып албайсызбы", - дегени кайра-кайра жаңырып: "Мен Болоттун сунушуна макул болушум керек, чын эле Асылай кетсе жападан жалгыз калам, өзүмдү ойлоого убакыт жетти, ойноп күлдүм, максатыма жеттим, жалгыздык деген азаптан кутулушум керек", - деген ойго такалды. Ошол жерде уктап калган эле, Асылай келип апасынын уктап калганын көрдү да: "Дагы кызуу болсо керек, атак деле адамды өтө жаман жолго алып барат тура, мактоо менен сыйлоонун арты келип эле ушуга алып келсе атактуулуктун кереги эмне", - деп артына бурула бергенде:

- Кызым, - деди Салтанат.

- Эмне болду апа?

- Суу берчи.

- Макул, - Асылай ашканадан суу алып келип берди.

- Ичтиңизби апа?

- Бир аз.

- Ошо бир аз ичкениңиз көбөйүп кетти го апа.

- Эмне кылам, сыйлап жатышса.???????????

- Сыйласа эле иче бересизби, ичпейм десе болбойбу?

- Кой кызым, мага акыл үйрөткөндү коюп ысык шорпо жасачы.

- Тамак бар, алып келейинби?

- Ысыта бер, ашканага барам.

- Макул, - Асылай чыгып кетти, Салтанат оорлошкон денесин жаза боюн керип кулачын жая эки жака чиренип алып анан өйдө болду, башы ооруп турду: "Болот мени менен жашагысы келсе эмнеге мага ичкилик сунуштайт, же ошончолук эле жакшы көрөбү, мен аны мага үйлөн деп кыйнаган жокмун, өзү ажырашам дейт, чынында канча адамдар менен болдум, бойдоктору деле болду, бири дагы мага үйлөнүүнү сунуштаган эмес, балким Асылайдын айтканы туурадыр, кыз бала бирөөнүн бүлөөсү, акыры бир күнү кетет, жашым улгайганда жападан жалгыз калам, ушундайда бирөөгө баш байлап алганым дурус болоор", - деп ойлонуп турганда, - Апа тамак даяр, - деген Асылайдын үнү угулду.

- Баратам, - деп халатын кийе чыга келди.

- Асика, - деди Салтанат кызына, Асылайды Алтынай экөө, жездеси Айбек дагы ошентип чакырышчу, - Барып бир бөтөлкө алып келе калчы, башым ооруп турат.

- Апа-а, ичпей эле койчу.

- Башым ооруп турат, үйдө түгөнүп калыптыр.

- Макул, эгерде дагы ичсеңиз мен үйдөн кетем.

- Кайда?

- Эжемдикине, - деди да тултуңдай чыгып кетти, Салтанат ойлонуп отуруп калды: "Бул эмнеси, кээде ичем, коноктордо көп болом, сыйлап жатса аздап ичип коем, анын эмнеси бар, көчөдө жүргөнүм жок, бу кыз мага эмнеге кыялын көрсөтүп жатат", - деп ачуусу келип алды, бирок ал Асылайга катуу айта албасын жакшы билет.

- Алып келдиңби? - деди аны көрүп.

- Ооба, дүкөнчүдөн уялдым, сиздей адамдын кызы дүкөндөн арак алып жүрсө ойлошот го, таптакыр берилип кеткен экен деп.

- Ойлой берсин, мен өз доорумду сүрүп жатам, - деди орой Салтанат.

- Өзүңүз билиңиз, - деп Асылай унчукпай тамак куюп алдына коюп кашык жылдырып, стакан алып берди. Ошол убакта телефону чырылдап калды.

- Алчы, ким экен, - деди Салтанат.

- Алло, бул ким экен? - Аа-а Акылай эже сизби, ооба-ооба, апам үйдө, ма-акул айтып коем, - деп трубканы коюп кайра келди, - Акылай эже экен, сизди срочно чакырып жатат, комузун ала келсин деди.

- Азыр барам, сен дагы жалгыз каласың го?

- Мен жаш бала белем, жатып алам.

- Мага капа болбойсуңбу?

- Коюңузчу апа, сизге капа болмок белем.

- Урмат үйдө болсо жөнөтүп жиберейинби?

- Кереги жок.

- Эмне уруштуңарбы?

- Урушканым жок, ал мага телехронитель беле?

- Эмне болмок эле, зерикпей отурасыңар.

- Апа койчу эми, экинчи ошону жөнөтпөй эле койчу, апасы эмне деп ойлойт, кызына жармаштырып жатат дебейби?

- Эмне экен, Акылай экөөбүз кудагый болобуз деп жүрөбүз, - деп жылмая келип кызынын жүзүнөн өөп, чачынан сылады, - Эч капаланба, сени Акылай келин кылып алам деп жүрөт, быйыл күздө буйруса той болот.

- Апа, койсоңчу ушундайыңызды, - Асылай таарына тултуюп калды.

- Койбой эле, буйруса Урмат жаман бала эмес, ошентип мен төрт балалуу болуп калам, Алтынай төрөсө эки неберем болот, уктуңбу кызым, анан чо-оң үй-бүлөө болуп калабыз.

- Кечиктиңиз, барбайсызбы эми.

- Мына кеттим, - Салтанат кийинип күзгүгө каранып алды да сыртка чыкты. Асылай өзүнчө кубанычтуу: "Демек Урмат ошону айтмак болгон экен да, мен аны жактырам, анын деле көңүлү бар, демек мен андан качпайм", - деп жүрөгү элеп-желеп болуп үй ичинде секирип, тегеренип кыңылдап ойноп жатты. Телевизорду коюп видик көрмөк болду, ойлору чачкындап көз алдына үлпөт көйнөк кийип закска барып бактылуу болуп турганы көз алдына, видикте ужас кино болуп жатты, бирок аны көргөн деле жок, бир убакта эшик чырылдаганынан караса Урмат.

- Опять? - деди кыз күлүмсүрөй, - Таарынып кетпедиң беле?

- Апамдар сени коркот деп болбой койбодубу, - Көңүлсүз кирди.

- Барбайм десең болмок, мен коркпойм деле.

- Улуу кишини кантип кайтарам.

- Менин көңүлүм болбосо келмек эмесмин.

- Мен анте албайм, - деп креслого отуруп жатып каттын дале турганын көрдү: "Окуган эмес экен, сумкасына салып коюшум керек", - деп билгизбей отуруп катты чөнтөгүнө салды да киного карады, Асылай аны улам көз кыйыгынан карап коюп телевизор карап отуруп анан ашканага чыгып тамак жасады, үн деген жок, ал ашканада жүргөндө Урмат анын сумкасын таап катты салды да кайра отуруп калды.

- Урмат, тамак ич, - деди Асылай көптөн кийин.

- Кардым ток.

- Макул, өзүң бил, - деди да Асылай өзү тамактанып жатканда Урмат келди…

- Эмне сен дагы мага таарындыңбы?

- Эмнеге таарынмак элем, отур.

- Тамагыңдын даамын көрөлү, - Күлүп карап койду.

- Сынагың келеби?

- Ооба, сендей эрке кыздын колунан кандай тамак жасалаарын көрөйүн, же каршысыңбы?

- Каршылык жок, бирок рецеп менен жасайм.

- Кандай рецеп?

- Ар бир улуттун тамактарынын рецеби бар.

- Сен анда даамдуу жасасаң керек ээ?

- Көрөсүң да, - деп алдына тамак койду, - Жакпай калса ачык айтпай эле кой ээ, уялам.

- Эмнеге, сынды бетке айткан жакшы да.

- Болуптур эми, көп сүйлөбөй ич, - деп күлүп койду Асылай. Экөө тең тамактанып сүйлөбөй тым болуп калышты, көптөн кийин гана Урмат.

- Эй, тамагыңды көпчүлүккө жасабай жүр, уят болосуң, - деди мостое.

- Эмне? - Асылай аны алая карады, - Ошончолук эле жаман бекен?

- Вообще вкусу жок го?

- Койчу? - Асылай алдындагы тамактан кашык менен кайра ууртады, - Сенин даам сезчү органың бузулуп калган жокпу?

- Жо-ок жакшы эле иштейт, - деди жылмая.

- Ичпесең ичпе, - деп Асылай жиндене өзү тамагын ичип кирди. Урмат унчукпай карап туруп каткырып жиберди, - Эмне күлөсүң? - деди Асылай ызалуу.

- Ошентип дагы тамак ичесиңби?

- Эмне болуптур?

- Шашып ичип жатасың го?

- Жиним келгенде ушинтип ичем, - деп кайра ичип кирди.

- Тамашалайм, тамагың абдан таттуу болуптур, тамашаны да көтөрө албайсыңбы Асылай? - деди эле Асылай унчукпай койду, үстөл үстүн жыйнап, идиш-аягын жууп тазалап ирээтке келтирди да бөлмөсүнө кирип кетти, Урмат кайра келип креслого отуруп видик көрүп отуруп алды, Асылай ошол бойдон чыккан жок, Салтанат эртеси келди, Урмат таң ата кетип калган, Асылай уктап жаткан. Сырткы эшик ачылганда туруп карады.

- Али уктап жатасыңбы кызым?

- Катуу уктап калыпмын.

- Урмат кетти беле?

- Уктап жатса керек, - Ээрчише үйгө кирсе ал жок экен.

- Кеткен го?

- Кетиптир.

- Буларды ашканага алып бар, конокко бардык, - деп баштык толгон таттуу менен этти, боорсок менен берди.

- Акылай эже экөөңүздөр бардыңыздарбы?

- Ооба, ошонун туугандары той берип жатыптыр, - деп ичкери кирип кетти. Асылай баштыктагыларды бөлүп, этти муздаткычка салып, боорсокту момпосуйлар менен тарелкага салып үстөлгө койду.

- Апа, мен кыздарга жолугуп келейинчи.

- Бара бер кызым, эки күндөн кийин окууңа деле барасың да, - деп койду Салтанат. Асылай унчукпай кийинип алып Надира деген курбусуна барып экөө сүйлөшүп отурушуп эми кетмек болгондо Асылайды аңдып турган унаадан түшкөн үч-төрт бала түшө калып көчөдөн эле салып кетип калды. Надира эмне кылаарын билбей кала берди, көрсө Асылайды сыртынан көрүп ашык болуп жүргөн Бакай деген бала ала качыптыр. Ыйлап-сыктаган Асылай тепкиленип:

- Кимсиңер, кайда алып барасыңар? - деди ар кимисин бир карап.

- Кыз ала качуу салт чоң кыз, - деди бири.

- Кыз тынаар жерине ыйлап барат дешет го?

- Ошону айтсаң, коркпо бандит эмеспиз.

- Уяты жоктор, жооп бересиңер!

- Уятты эмне кылабыз, сени колго түшүрдүк болду да, - деди бири, беркилери каткырып калды, Бакай унчукпай келе берди, ал орто чарба жай адамдын баласы, ата-энеси бар, өзү студент, буйруса врач болом деп жүргөн кези, ак жуумал узун бойлуу жигит.

- Кое бергиле, өкүнүп кала элегиңерде, - Асылай жулкунган менен ар жок, бер жактан басып алганга бошоно албады.

- Койчу эми аяш, жакшынакай жигит сени сүйүп калып алып баратат, - деди бири ыржая.

- Жигитим бар, убара болбогула!

- Ыя, жигитим бар дейсиңби? - деп бири ормое карады.

- Ой боло берет, сүйүп-сүйүп кала бергендер толуп жатат, - деп да бири күлүп койду, шаардын четиндеги айылдардын бирине жетип бир чоң дарбазалуу, жөнөкөй салынган үйдүн алдына токтогондо топтошкон аял-эркек чыгып машинаны тегеректей калышты.

- Иий айланайын, келин келди оо-ой, келгиле киргизели, - деп бир аял үй жакка үн салды. Балдар түшүп кеткенде Асылай түшпөй тартынып туруп алды:

- Мен баары бир отурбайм, убара болбоңуздар, балаңар кайда, мен аны сотко берем, эмнеге айтпай ала качат?

- Кыргыздын салты садага, кыз бала ушинтип эле отуруп калат.

- Мен отурбайм, апамды чакыргыла!

- Чакыртпай анан чакыртабыз, - деп эки аял болбой эле колтуктап алып тырышкан кызды көпөлөктөй эле алып кирип койду.

- Кое бериңиздер, баары бир отурбайм, убара болбоңуздар.

- Кой кызым, биз деле ушинтип келип очор-бачар болуп отурабыз, - деп какылдаган аял көшөгөгө киргизди, - Ай жеңе, жоолугуңду алып кел, Апай апама салдыралы, өнүп өскөн киши эмеспи, Бакайдын келинчеги дагы балпайып бак орногон кемпир болсун, келген жерине кут-береке алып келсин, - деп артын караганда Бакайдын апасы Таберик аппак чачыктуу жоолукту алып келип турган эле, Апай кемпир кербездене туруп келип жоолукту колуна алды:

- Ата-бабадан келе жаткан салт кагылайын, ак жолтой, ак жүздүү ырыс кешиктүү, ыймандуу келин бол, - деп салганы келе жатканда Асылай:

- Апа, мен отурбай м, убара болбоңуздар, мени көрбөй-билбей ала качканы уят эмеспи, чакыргыла балаңарды, мени жеткирип койсун, болбосо апамды чакырткыла, - деди көз жашын аарчый.

- Кызым, эшик аттаган кыз кайра кеткен болбойт, апаң деле эл менен жүргөн киши экен, каада-салтты билеттир. Кайра кетсең кете бересиң, эрден чыгып келди деген сөздөн кантесиң, таш түшкөн жеринде оор деген, Бакай бакыйган жигит, өзүңдү кыйнай бербе садагаң кетейин, - деп жоолукту башына салганда бетин басып ыйлап отура калды:

- Бүгүн болбосо эртең кетем, айтпай ала качкан айбан десе, көрбөгөн-билбеген эле немеге ким отурат экен, - деп кары кемпирден тартынып экинчи жолу колун кага албай күчүн көз жашынан чыгарып жатты. Бир кезде Бакайды киргизди, аны бир карап алган Асылай, - Кандай уятсызсыңар, эмнеге бей тааныш кызды ала качасыңар, айт буларыңа, мени кое беришсин, баары бир отурбайм! - деди, бирок жүзү жылуу зыңкыйган, чачын артына тике тарап, көздөрү күлмүңдөгөн жигитке андан ашыкча сөз айта албады.

- Кечир Асылай, күнөө менден кетти, мен сени сыртыңдан көрүп жактырдым, кечир мени.

- Эмнеге кечирем, апам милиция алып келет, сотко берем.

- Ачууланба Асылай, сүйүүгө сот жок, биз сага зордукчулук кылган жокпуз, жашы жеткен кызды сүйүп алган адамды соттобосо керек, - деп жылмайып койду. Баятан бери бакырып жаткан кызга Бакай жага түштү белем жоошуй түштү.

- Эмнеге ала качасың, макулбу же жокпу сурабайсыңарбы, мен силерге буюм белем, жолдон сала качкыдай?

- Ал күнөө менден кетти, кечирим сурайм, - деди да сыртка чыгып кетип калды. Ал ызылдап жатканда Надира кайра-кайра Асылайдын үйүнө телефон чалса албай убара болду, машинанын номерин жазып алган. Кечинде зорго телефонду Салтанат алды.

- Алло, алло эже Асылайды бир машинага салып кетти, - деп Надира шашкалактап эптеп айтып берди, Салтанат тынчы кетип таекесинин кызына чалды, жакын сиңдисин чакырды, алар келгенче курбусу Акылайга чалып кеңеш сурады, ал тез эле машинасы менен жетип келди:

- Ай эмне отурасың, милицияга кабарлабайсыңбы, - деди Акылай дароо эле.

- Эмне кылаарымды билбейм Акылай, кызымды кандай немелер алып кетти, жакшы ниет мененби, же бандиттерби? - Салтанат айласы куруй курбусун карады, - Кандай кылсам экен?

- Эч ким телефон чалган жокпу?

- Жок.

- Анда бирдеме болбосун, тезирээк милицияга кабарлаш керек.

- Азыр, сиңдим менен таежемди чакырып койдум эле.

- Алар келгенче качан?

- Келип калат, чогуу кеңешели, - деп Салтанат сары санаа болуп отурганда телефон чырылдап калды, шашып ала койгон Салтанат, - Алло, ким экен, ооба-ооба, кайда алып кеттиңер, сүйлөшпөй алып кеткениңер кантип болсун. Жо-ок, дарегиңерди айткыла, өзүм барып Асылайга жолугушум керек, болбойт мунуңар, кызымдан өзүм билмейинче ишенбейм, ачуу басарыңардын кереги жок! - деп телефонду коюп койду.

- Эмне болду, каякка алып кетиптир?

- Ак-Өргөөгө дейт.

- Алып келиш керек, көрбөй-билбей ала качкан немелер жыргатабы? - деп Акылай Салтанатты демитип жатканда эшиктен сиңдиси Салкын менен таежеси Турду күйөөлөрү менен келип калышты. Аларга айтты эле Турдунун күйөөсү Кемел:

- Салтанат, кыздын бараар жери күйөө деген, бактылуу болсун, сен алып баса бергенде болбойт, кызыңдын эртеңкисин ойло, алар нааразы болуп калса кыйын, - деди.

- Туура Салтанат, сен өзүң деле эстүү жансың, ала качса да бак берсин, ашыкча кетпе, кызың отуруп калса тим кой, - деди Турду, ошентип алар өздөрүнчө сүйлөшүп отурганда эшик такылдап калды, Салтанат барып ача койсо эле:

- Кулдугубуз бар кудагый! - деп эки-үч эркек бакылдап кирди эле, - Салтанат эмне кылаарын билбей туруп калганда Кемел менен Адыл болуп баары жетип келип Кемел:

- Кулдугуңар кудайга, киргиле балдар, - деди, жетелеп алган коюн кайда коерун билбей ваннага киргизип коюп кудаларды төргө өткөрүп куда жайын сураштырып кирди Кемел. Беш миң сом менен бир кой ачуу басарына келди, ошентип кудаларын сыйлап жөнөттү. Кууп барып да келишти, Алтынай күйөөсү менен барды, алдына он миң сом менен кийит кийгизишти, жашоолору жакшы экенин айтып келип, күйөө баласынын студент экенин, жакшы күйөө балалуу болгонун айтып куттуктап жатышты. Акылай абдан таарынды, Асылайды мен келин кылып алмакмын деп өпкөлөндү, акыры түшүнүп күйөө баласын жууп ресторанга чакырды. Салтанат эми чындап жалгыз калды, Алтынай уулун алып келип эки күн туруп кетти, анын дагы айы күнү жакындап калган. Айбек атасынын фирмасын жөндөп кетти, кычыраган ишкер, Алтынай экөө абдан ынтымактуу. Асылай Бакайды бир көргөндө жактырып калган, келген күнү көргөн бойдон топураган эл көп болуп жолугуша алган жок, кийинки күнү жоро-жолдоштору менен курсташтары келгенде бир дасторкондо отурушту, алар кеткенден кийин салты менен кыздын жеңеси калып жаткырып анан куда-кудагыйдан сүйүнчү алып сый көрүп кайтты. Бакай өзү кыздай назик, өтө жумшак жигит:

- Асылай, мени кечирдиңби? - деди бирге болгон кечте.

- Эмнеге кечирем, ала качканың үчүн өмүр бою күнөөлүүсүң.

- Койчу эми Асылай, кечирип кой, сенден корктум да.

- Эмнеге корктуң?

- Жоготуп аламбы деп, башка бирөө алып кетсечи?

- Сүйүү болбосо элеби?

- Сүйүп жүргөн кызым элең да.

- Жолуксаң болбойт беле?

- Сенден жаман уялчумун.

- Кыздарчабы?

- Жигит катуу сүйсө уялат экен…

- Кантип эле, жолугуп сүйлөшүп койсоң болмок, - Асылай таарына ары карап жатып алды, - Кыздарды сыйлабагандык, басынткандык бул, тоготпой отурбаганда кайда барат эле дедиң да.

- Койчу эми, андай эмес, мен сени сүйгөнүмдөн даай албай койдум.

- Калп, жөн эле амал кылып жатасың.

- Чын айтам, карганып берейинби?

- Жок-жок, кереги жок, - деп кайра бери карады.

- Асылай, кечирчи мени.

- Суранба.

- Суранам Асылай.

- Жок.

- Койчу эми, - Бакай келинчегине колун артып кучактап өөп, - Мен сени өмүрүм өткөнчө сүйүп өтөм Асылай, - деди шыбырай.

- Кечирбейм, - деп күлүп жиберди келин.

- Менин Асылайым, асылым менин…

- Уялбайт экенсиң го? - деди кыткылыктай Асылай.

- Эмнеге антесиң?

- Уялбай эле кучактап, өөп жатпайсыңбы?

- Аа-а, а сен эми менин аялымсың да.

- Болгум келбесечи?

- Эмне?

- Кетип калам.

- Антпе Асылай, эми экөөбүз бир өмүр бирге болобуз, бала-чакалуу болуп бактылуу болобуз, кетем дебечи Асылай, - деп тырбалаңдап келинди аймалап өз максатына жетип кучагынан чыгарбай жатып калды. Асылай Бакайдын мүнөзүн, өзүнө жасаган мамилесин ойлонуп сүйүп баратты: "Мен Урматты жөн гана жанымда жүргөндө жакшы көрчү экенмин, эч качан сүйбөптүрмүн, кызык ала качып алса деле бири-бирин көрбөй жашап кетсе болот экен да", - деп ойлонот. Кайната-кайненеси келинине кызындай мамиле кылат, эртең менен экөө тең сабагына бирге кетип бирге келишет, бир күнү Надира кошо келди. Бакай келинчегинин курбусун жакшы сыйлап жатты. Эртеси чогуу сабакка барганда Надира:

- Асылай, сен Бакай менен бактылуу болом деп ойлойсуңбу? - деди.

- Эмнеге андай дедиң?

- Бир көрбөгөн адам менен жашашка болобу?

- Болот, эмнеге болбосун?

- Ортоңордо сүйүү жок эмеспи?

- Ал мени сүйөт, өзүң сүйгөнгө эмес өзүңдү сүйгөнгө тий дешет го.

- Аның туура, бирок жүрөгүң каалабасачы?

- А мен Бакайды сүйүп баратам Надира, - Асылай күлүп калды.

- Чынбы? - Таңгала карады.

- Ооба, мен аны сүйүп калдым, ал мени өзүн сүйдүрүп алды.

- Кызык, анда Бакай жигиттин жигити экен.

- Айтпа, абдан назик, мүнөзү жумшак, - Асылай кыялдана сүйлөдү.

- Ой тобо-о, ала качып барып өзүн сүйдүрүп алып бактылуу болсо болот экен да, муну өз көзүм менен көрбөсөм, өзүңдөн укпасам ишенбейт элем Асылай.

- Таңгалба - таңгалба, башыңа келип калат, - Асылай курбусун тамашалап карап койду, - Сени ала качып кетсе кантесиң?

- Кудай сактасын.

- Мен деле коркчумун.

- Кой эми, бактылуу болушуңа тилектешмин, - деп окуу жайга кирип келишти. Бакай акыркы курста окуп жаткан жазында окуусун бүтүп практикага кетти, ошентип бири бактылуу болуп жатса, бири жашоонун ачуу даамын татып, өмүрдөн өткөн тирүүлүктүн оопасыз дүйнөсүндө ар пенде өз күнүн көрүп жашоо улана берет экен…

Садыр үйүнөн чыккандан бери бир айдан ашты, сакалы өсүп баягы Садыр жок, алтымыштардагы карыдай болуп, өзүн-өзү таштап койгон, өлбөстүн күнүн көрүп болгон акчасына болоор болбос шам-шум этип алат да эч жакка барбай автовокзалда отура берет, пальтосунун жакасын көтөрүп, тумагын баса кийип алат, отурганда буту талыганда башы оогон жакка басып кетет, өзүнүн эмне кылып жүргөнүнө өзүнүн башы жетпей кээде: "Мен эмне кылып жатам, деги мага эмне болгон?", - деп ойлонуп алат, бирок эс акылынан ажыраган деле жок, болгону кээде гана өзүн-өзү сезбей калчу болду. Бир күнү ал базарга келип ар кайсы жакты карап жүргөн, жакасына башын катып, тумакты басып, көзүн жалтыратып кетип жатса ага кийимдери жүдөө адам:

- Тууган, бирдеме керекпи? - деди.

- Ыя? - Аны көз токтото карады.

- Башың ооруп жатабы дейм?

- Жок, бар ары!

- Тууган, жүрү мени менен, жашоочу жерим бар, - деди андан калбай.

- Кереги жок.

- Менин башым ооруп турат, беш-он сом барбы?

- Тур, жолуңа түшчү! - деп жини келе алдыга ашыкты.

- Тууган, сени менен сүйлөшкүм келип турат, - деп дагы айтканда ага негедир үнү тааныш угулуп кетти: "Бул ким болуп кетти, мени таанып калган го", - деп ойлоп аны бир карап алды да:

- Кайда барабыз? - деди.

- Жүрүңүз, - деп артына бурулду ал, экөө ээрчише базардын сыртына чыгып четке басышты, ээн болуп калганда Садыр:

- Сүйлө, - деди.

- Мен сизди тааныйм, качантан бери бул чөлкөмдөсүз? - деди.

- Эмнеге андай дейсиң, бул чөлкөмүң эмне?

- Мм, эмне десем экен, биздин катарга дегеним да.

- Эч кандай сенин катарыңда эмесмин, өзүң кимсиң?

- Мен сиздин айылдашыңыз Боокбектин баласымын, үч жыл болду, атамдар мени өлдү деп жүрүшсө керек, кашайып сасык суунун кулу болуп калдым.

- Мени ким деп турасың?

- Садыр акесиз да.

- Жок, мен сен тааныган адам эмесмин, өз жолуң менен бол уктуңбу?

- Аке, кантип эле, мен сизди көптөн бери көрүп жүрөм.

- Баары бир мен сени тааныбайм, - деп бурула бергенде:

- Менин атым Батырбек, жок дегенде сүйлөшүп отуралы, менин өз үйүм бар, чай-пай ичели, - деди Батырбек.

- Жалгыз турасыңбы?

- Ооба, ичкен кишинин жакыны болмок беле?

- Жарайт, - деди да камокко кайрылып бир бөтөлкө алды, андан ылдый барып салат, нан менен майда барат алып Батырбекти ээрчип жөнөдү.

- Аке, атыңызды айтып коюңузчу, - деди Батырбек.

- Үмөтбек, - деп оозуна келгенин айта салды, экөө ээрчишип жөнөп аялдамага келди, маршруткага түшүп кетишти. Анын үйү жаңы конуштардын бириндеги эки бөлмө, жакшы бүтпөгөн, короосу тосулбаган там экен, ичине кирип эски-уску төшөктөр менен бир азыраак идиш-аяктан башка эчтеке жок эле.

- Ушул аке, жашоом ушул, аялым экөөбүз жаңы алып жакшылап бүтө электе ойнош ойноп кетип калды, ата-энем дагы билбей калды, - деди Батырбек, Садыр аны жакшы тааныды, бир кезде кычырап соода кылып жүрүп үйлөнгөнүн уккан, ошол кычыраган жигиттин минтип калганына ичинен жини келди, жаш туруп бир аял үчүн өзүн таштап койгону жаккан жок.

- Ошол бир аял үчүн ушул көйгөйгө түшүп жүрөсүңбү?

- Мен аны катуу сүйдүм эле аке, - деп башка сүйлөгүсү келбей дасторкон сымал кирдеген кленканы салып каткан нандарды койду. Садыр алып келгендерин коюп экөө арактан ичип отурушту, бөтөлкө түгөнгөндөн кийин Батырбек сыртка чыгып кетип көпкө жоголду, анан бир бөтөлкө көтөрүп кирди:

- Жетишет, өзүң ич, мен башка ичпейм, - деди Садыр.

- Аке, мен азыр болгон сырымды айтып берейин деп жатпайынбы, бир аз ичтеги букту жазып алайын деп жатпайынбы, - деп арактан чыныларга куюп бирин Садырдын алдына койду, - Мен сизди ошол Садыр акеге окшоштурдум эле, ал кантип ушул абалга келди, эмнеге андай болду деп ойлогом, көрсө адам адамга окшош деген чын экен да, - деп бакылдап сүйлөп кирди.

- Кана сүйлө Батырбек, эмнеге мындай болду?

- Анан сиз айтып бересиз ээ? - деди эле, Садыр атайын сурап жаткандай сезип жини келип барып: "Мейли, жөн сурап жаткандыр", - деп ойлонуп өзүн-өзү тыйып алдындагыны алып ийди.

- Болуптур, ал алдагыны, өзүң жөнүндө сүйлө, - деди эле ал ичип жиберип тамагын жасап алып бир демге унчукпай туруп калды.

- Мен Айжамалды мектепте окуп жүргөндө тогузунчу класста бир көрүп эле сүйүп калдым, - деди көптөн кийин, - Ал биздин айылдагы тагасынын үйүнө келген экен, таанышып эки-үч жолу жолугушкан соң ал кайра кетип калды, анткени каникул убагында келген болчу, мени менен тең экен, ошол бойдон мен аны унута албай мектепти бүтүп шаарга келдим. Атамдардын мени окута турган акыбалы жок эле, ошондуктан иштөө үчүн келдим. Базардан мага окшогон балдарга таанышып тачка айдадым, тапканымды чогултуп бир жылда үч тачка сатып алып кайра арендага берип үч жылда бир топ акча жыйнадым, тачкаларды өзүм менен жашаган балдардын документин өзүм алып ошолорго берем, өзүмдүн тапканым дагы жакшы боло баштады…

- Анан, анан кандай болду, ата-энеңе жардам бердиңби?

- Жок, үч жылдай барбадым, бир күнү баягы Айжамалды базардан көрүп калдым, тачка айдаганымды билип калбасын деп жүзүмдү жашырып анын артынан жөнөп иштеген жерин көрүп алдым да ага күндө гүл жөнөтүп турдум, бир күнү кат жазып гүлгө кыстарып койдум: "Айжамал саламатсыңбы, иштериңде ийгиликтер болуп жатканын көрүнүп турат, куттуктайм Айжамал. Ким деп таңгалып тургандырсың, Кара-Көлдөгү тагаң Тургунаалынын үйүнө баргандагы Батырбекти балким унутуп калгандырсың Айжамал? А мен сени ушул күнгө чейин унутканым жок, дүйнө кезип издөөгө даяр элем. Бирок сени жараткан өз элимдин ичинен жолуктурду, эми сенден ажырабайм деп өзүмө ант берем, а сен Айжамал мени эбак унуткандырсың, сени сүйүп калып, өмүрүнүн баарын сени издөө үчүн даяр болуп жүргөн Батырбек. 1999-жыл.14-май", - деп жаздым, - Батырбек андан ары сөзүн улады…

Батырбек тачка түрткөнүн токтотуп кычырай кийинди да күндө Айжамалга гүл жөнөтөт, бирде түштө берсе, бирде жумуштан чыгаарда, бирде эртең менен жумушка келгенде үстөлүндө гүл даяр. Айжамал райондук акимчиликте катчы болуп иштечү, жанындагы кыз бир күнү ага:

- Айжамал, сени катуу сүйгөн жигит го жанагы, - деди сырдуу жылмая.

- Койсоңчу, мен аны тааныбайм, гүлүн мындан ары үстөлгө койбо дечи.

- Эмнеге, гүлдүн жыты буруксуп кабинеттин ичин сонун кылып коет экен, тура берсин, дегиңкиси сени сүйгөн жигит экени анык.

- Көрбөй эле сүйө береби?

- Ал сени көрүп сүйгөн да.

- Билбейм ай, - деп компьютерди карамак болуп жатып гүлдүн арасындагы кагазды көрдү, шеригин караса ал өз иши менен алектенип отуруптур, акырын кагазды алып ачса кыскача кат, окуп көрүп таңгалып калды: "Ооба эсимде, бирок менин ага деген сезимим жок да", - деп ойлонуп ишине киришти, арадан бир айдай өткөндө гүл менен бирге кат алды: "Айжамал, мен сени "Данияр" кафесинен күтөм", - деп дарегин жазып коюптур. Айжамал ойлонуп калды, бараар-барбасын билбей кагаздарын караган менен кечки саат алтыны ойлонуп кыжаалат боло берди. Ал жумушунан эрте чыгып салонго кирди да чачын оңдотуп алып даректи көздөй элеп-желеп болуп кетип жатты: "Кандай неме болду экен, балким мага жакпасачы, анда экинчи гүл жибербе, менин жигитим бар деп басып кетем", - деп белгиленген дарекке жетип калганын байкабады: "Каерден чыга калат", - деп элеңдей басып келе жатканда алдынан гүл көтөрүп алып Батырбек чыга калды:

- Салам Айжамал.

- Салам.

- Жүрү ичке кирип сүйлөшөлү, - деп кафени көздөй колун жаңсады.

- Ушундай эле турсак кантет, мен сизди элестете албай турам.

- Ичке кирели, анан жай сүйлөшөбүз, - деп Батырбек жылмайып коюп алдыга басып бош орундуктун жанына келип, - Отуруңуз, - деди урмат көрсөтө.

- Рахмат, - Айжамал сыпайылана Батырбекти уурдана карап: "Дурус эле жигит болсо керек, жакшы турат окшойт, балким кызматы да бардыр, мен дагы тааныдым, ата-энеси колунда жок, начар турушчу эмес беле", - деп ойлоп турду ичинен.

- Келиңиз Айжамал, тамакка карайлы, - деп Батырбек сый көрсөтүп жатты, - Айжамал, биздин айылга барганда дал ушундай жакшынакай элең, ошол бойдон эле экенсиң.

- Мен эстей албай жатам, көп эле балдар-кыздар менен таанышкамын.

- Ошондо мен сага үйдөгү апам өстүргөн Астра гүлүнөн бирди жаңы жылда бергенимди билесиңби? - Батырбектин көздөрү жайнап үстөлгө өбөктөй түштү, - Эстесең Айжамал.

- Аа-а, ошол сенсиңби? - Айжамал күлүп жиберди, - Аппак үйдө өскөн Астра болчу ээ?

- Ооба-ооба Айжамал, ошондон бери сени ойлонуп кайдан табаарымды билбей жүргөмүн.

- Таппасаң эмне кылат элең? - Кыз кылыктуу жылмайды.

- Өмүр бою издемекмин.

- Чын элеби?

- Чын айтам, - деп ушул кезде Батырбектин колу Айжамалдын колуна жетти, - Өмүрүм өткөнчө издейм деп өзүмө ант бергемин.

- Кызык, абдан өжөр экенсиз.

- Өжөрлүк эмес, жүрөктүн эңсөөсү, жүрөгүң эмне десе ошону угуу керек.

- Мен аны билбейт экенмин.

- Жигитиң жокпу Айжамал, кечигип калган жокмунбу?

- Башым бо-ош, - деди Айжамал күлө.

- Кубанычтамын, мындан ары жолугуп туралы ээ?

- Жарайт, - деген Айжамал: "Демек байып кетишкен го, кай жерде иштейт болду экен", - деп ойлонуп алды.

- Эмнени ойлонуп кеттиң Айжамал?

- Ойлонгонум жок, мени ушунчалык сүйгөн адам бар экенине таңгалып турамын Батырбек, каерде иштейсиң?

- Эч жерде, болгону өзүмчө цех ачсамбы деп жүрөм.

- Кандай цех?

- Балким сто ачам, же базардан кафе иштетем, - дегенде Айжамалдын кабагы бүркөлө түштү, ал андан бир мекемеде иштегенин уккусу келип турган эле: "Мен дагы бир жакшы жерде иштейт экен десе, карапайым жумушта жүрүп анан чычая кийинип алганын кара", - деп ойлуу саатын карады.

- Батырбек, баардык сыйыңа рахмат, менин кетишим керек.

- Таксиге салып коем шашпа, дагы бир нерсе жейлиби?

- Жок, эч нерсенин кереги жок, менин кетүүм керек, - деп Айжамал ордунан турду, аны менен бирге Батырбек дагы туруп сыртка чыкты:

- Иш телефонуңду бересиңби Айжамал?

- Жарайт, бирок орунсуз чалууга болбойт, - Жылмая карточка берди.

- Албетте, тынчыңды албайм, - деди да таксиге салып жөнөтүп ийди, өзү батирине келди, балдардын экөө келип калганы келе элек экен, Курман деген бала кечки тамакты жасап жатыптыр, алар күндө кечкисине акча чогултуп ысык тамак ичишчү. Жетөө бир бөлмөдө, жанындагы бөлмөдө дагы жети бала Батырбектин тачкасын айдашат. Күнүнө үч жүз сом таап арендасын бекитип турчу, Айжамалды көргөндөн бери бир топ артка кетти. Ушул ирээт ата-энесин ойлонду: "Мен айылга барышым керек, анан үйлөнөөрүмдү айтып каманып келем", - деген чечимге келди.

Эртеси эле айылына жөнөдү, ата-энесине белек-бечкек алды, отуз миңдей акча менен келген баласын көрүп ата-эне абдан кубанды, дагы эле жок жарды эле, үйлөрү да эскирген, эң улуусу болгондуктан калган эки иниси, эки карындашы жашыраак болчу. Үйүнүн эки жагын оңдоп шыбап он чакты күн туруп анан үйлөнөөрүн айтып коюп кетмек болгондо Бообек:

- Сен үйлөнсөң беш-алты жандыктан башка эчтекебиз болбосо, биз апаң экөөбүз пенсия менен төрт баланы кийиндирип, ичиндирип эптеп жашап жатабыз, - деди сакалын сылай.

- Ата, баарын өзүм алып келем, эч кабатыр болбогула, - деди Батырбек. Сайрагүл эне эмеспи, үй ичин оңдогонго киришти, Батырбек чоңойгон инисин жанына алып үйлөрүн актап коюп келээр күнүн белгилеп коюп кетти, келип эле Айжамалга жолукту, бапыратып акча санап, келген сайын гүл көтөрүп келген Батырбекке имерилгенсип калды. Ошондой кечтин биринде ал Айжамалды кафеге чакырып:

- Айжамал, мага турмушка чыгасыңбы? - деп көздүү шакек сунду.

- Батырбек, таанышканыбызга аз эле болду, анан кантип?

- А мен сени он алты жашымдан бери билем, жана сүйүп келдим, бул жетишпейби Айжамал, анткени мен сени сүйөм!

- Батырбек, мени жарга такап койдуң.

- Жо-ок, чындыкты айтып жатам, дүйнө кезип издемек болгон ак сүйүүмдү эми жогото албайм, эгер жоголсо кайра таппай калышым мүмкүн, - деди да Айжамалдын колун кармай, - Жообун күтөм, - деп чыгып кетти. Айжамал колундагы шакектин кутучасын көпкө карап туруп анан үйүнө жөнөдү. Ошондон үч күндөн кийин ата-энесине айткан күнү Айжамалды алып кетти, баары жакшы бүттү. Бир айдай туруп шаарга баса беришти да батирде туруп калышты. Фирма же цех ачам деп акчасы аздап калган Батырбек кайрадан тачка түртө башгтады, он беш тачкасынын акчасы жыйылып калган экен аны алды, өзү да иштеп кечке маал жуунуп алып койкое үйгө келет, Айжамал анын эмне иш кылып жүргөнүн билбейт болгону ал Батырбек менен алты ай жашаган кезде башка менен жүрүп алды: "Биз минтип жүрүп качан үйлүү болобуз, андан көрө жашымда кетип калганым оң", - деп ойлонуп кээде кеч келет, андайда Батырбек тамагын жасап күтүп турат, бир күнү ал кызуу келди:

- Кайда болдуң Айжамал? - деди Батырбек.

- Иштешкендеримдин биринин туулган күнү экен, ичпей кое албадым, - деди ал калпты айтып, зорго эле сүйлөдү.

- Мейли, бөлүнгөнүң болбойт, - деп жасаган тамагын алып келсе ал уктап калыптыр, кийимин чечкенге дагы үлгүрбөптүр, Батырбек аны чечинтип ордуна жаткырды. Айжамалдын апасы жок болчу, өгөй энеси кээ-кээде келип кетет, атасы абдан жоош момун адам, жай чарбасы менен оокат кылган киши. Эртеси ойгонгондо Айжамал көптөн берки айта албай жүргөн оюн айтты:

- Качанкыга жүрө беребиз, өз үйүбүз болбосо, батирде жүрсөк.

- Чыдачы жаным, жакында бир үй алам, өзүбүзчө үйүбүз болот, биз дагы башкалардай эле жашайбыз, бала-чакалуу болобуз.

- Койчу, эмитен баланын кереги эмне, баарын даярдап алып деле балалуу болобуз, батирде жүрүп балалуу болгонду жаман көрөм.

- Көрөсүң го, жакында алам, жакшы үйгө жетпей жатат, жаңы бүткөн үй алабыз да калганын өзүбүз бүтүрөбүз.

- Ишенбейм, - деди Айжамал, бирок ал айлыгын көрсөтпөйт дагы, жардамдашып же бир жагына кириштиргиси жок, Батырбек аны ойлоп бирок унчукпайт.

- Ишен жаным, эртең дагы барып көрөм, времянкасы бүткөн экен, чоң тамды өзүбүз салабыз, - деди Батырбек аялына.

- Чоң тамды салмак кайда, ошо эки бөлмөнү ала албай жатып, ушу сен эмне иш кыласың деги? - деп чоюштай кийинип жумушка жөнөмөк болуп жатып Батырбекти чекесин тырыштыра карады.

- Ишим буйруса жакшы, - деди Батырбек ойлуу.

- Болуптур, мен кеттим, - деп Айжамал чыгып кетти. Батырбек ойлонуп барып тачкилеринин баарын сатканга койду, аны ошол иштеткен балдар өздөрү эле айткан баасына алып алышты. Ошентип Батырбек болгон акчасын жыйнап беш миң долларга ушу чала бүткөн эки бөлмөсү менен беш сотук жерди алды, кубанып Айжамалды күтүп жатты. Ал ошол күнү келбей калды, ал түнү ал өзүнүн бирге иштешкен кырктардан ашкан, бойдок Ашым Кубатов менен бирге болчу. Анын эки кабат үйү бар, эки баласы эбак үйлөнүп-жайланып кеткен, кызматы жакшы, жер бөлүштүрүү боюнча адис. Айжамалды башынан көздөп жүрсө дагы анын күйөөгө тийип кеткенине капа болуп калган, жолу ачылып калган келинди имериш оңой эле болду. Батырбек күтүп отуруп жатып калды, аялын тымызын кызганды, бирок акырындап баары жайына келет деп ойлоду. Үй алганымды көрсө кубанат деген ойдо жумушуна телефон чалды эле ал эрте келээрин айтып өчүрүп койду. Эки-үч күндөн кийин эле батирден көчүп кетишти, бирок Айжамалдын кечиккени, келбей калганы көбөйдү, бир күнү өзү тачка түртүп жүргөн, үй алган соң болоор-болбос эле акчасы калган болчу, бир тачканы сатпай коюп койгон, анткени Айжамалга уят болбой тамак-аш таап туруу керек эле.

Түш ченде бир "крутойдун" жүгүн сүйрөп базардан чыгып баратса эле бир адам менен Айжамал унаалар токтоочу жайдан жүк салып жатса жанаша токтогон унаага келип отуруп жатып Батырбекти таанып бир азга туруп калды, муну байкабаган Батырбек жүктү салып берип акысын алды да басып кетти: "Сенин кылган ишиң ушул тура, мен кайдагы бир тачкист менен жашаймбы, кызык, эмнеге айтпайт десе", - деп ойлонуп унаага отурду да сыр билгизбей кетип калды. Кечинде адаттагыдан эрте келди, Батырбек келе элек болчу, кечке маал баштыкка эт-аш көтөрүп келип калды.

- Ишиң жакшы жүрүп жатабы? - деди Айжамал сынай карап.

- Жакшы эле, бир аз кризис болуп калдым, буйруса баары жакшы болот, - деди Батырбек оюнда эч нерсе жок.

- Бул үйдү алганга киришип кетти да ээ? - Айжамал мыйыгынан кытмырлана жылмайды.

- Ооба, эчтеке эмес, буйруса түзөлөбүз.

- Батырбек, мени менен мышык-чычкан ойногонду токтот, сенин тачка түрткөнүңдү билем! - деп кыйкырып ийди Айжамал.

- Эмне?! - Батырбек саамга селдээ түштү, ал Айжамалды түшүнөт деп ойлоду, - Кечир Айжамал, бирок акырындык менен баарын жолго салам, эки жылда бутка турам, - деди башын жерге сала.

- Кереги жок, сенин сүйүүңдөн көрө мага тирүүлүктө беш күн жашасам дагы адамдай жашаганым жакшы, калп айтканыңдан мен тажадым! - деп кетмек болуп кийимин салыштырып кирди.

- Айжамал, мени кечирип кой, адегенде тачка айдайм дегенден уялдым, кийин ачык айтайын деп намыстандым, түшүнчү мени.

- Кечирим сураба, курсакка тамак, үстүңө кийим болуп бербеген сүйүүң өзүңө буйрусун, мен сени менен кала албайм! - деп чыгып кетти. Батырбек шалак этип жерге отуруп калды, ушул учурда ал ата-энесине нааразы болду, алардын адамдай болуп балдарына шарт түзө албаганына жини келди. Көпкө селдейип отуруп анан тамак жасады: "Кайда бармак эле, акыры келет да", - деген ойго алданып дүкөндөн арак алып келди да ичип жатып алды… - Батырбек ушинтип айтты да арактан куюп жутту.

- Ошол бойдон келбедиби?

- Жок, келген жок.

- А сен бардыңбы?

- Мен ишине телефон чалдым, менин атымды укканда эле коюп коет, - деди оор дем ала, - Ошентип сүйүүмдөн айрылдым, көрсө баарын ошол үчүн гана жасап жүргөндөймүн…

- Ата-энеңе айткан жоксуңбу?

- Жок, бир келген бойдон барбадым.

- А сен аларга керек экениңди билесиңби? - деди Садыр ага тигиле.

- Билем, баарын билем, мен үчүн эчтеке кыла албасын дагы билем.

- Акылыңды жыйна, өзүңө кел дагы, мен айтканды жаса, паспортуң барбы?

- Бар жоготконум жок.

- Анда кайрадан иште, али жашсың, сени түшүнгөн адам чыгат, үй алганыңды айтып, аман-эсендигиңди билдир, минтип баарын жеңе албайсың, - деди Садыр, андан кийин жатып эс алмак болушту. Бирок Садырдын уйкусу келбеди: "Өмүр кымбат, жашоо кызык, пенделер ар түрдүү, бирөөлөр арам иши менен өткөрүп жатса, бирөөлөр кендирди кескен кемчиликтин айынан эчтекеге жетпей өксүп, жакын адамына жетпей жаралганына нааразы болуп өтүп кетет, кээси колунан арам иш келбей адал эмгек менен жашагысы келсе да колдогону болбой, кайра минтип басынтып өмүрүн чай кылып отурат, аттиң десең, балдарымдан безип мен жүрөм, качанкыга чыдай алаар экенмин, апасынын өлгөнү аз келгенсип мени тирүүлөй жоктоп отурушат го", - деп чабалактап улам бир жамбашына которулуп жатып көзү илинип кетти, эми көзү илинээри менен эле баягы каргыш ургур пайда болду: "Өкүнбө, - деди ал, - Бул эч нерсе эмес, сенин көргөн күнүңдү ит көрбөс болосуң, көптөн бери таппай жүрүп таптым, үйүңө барып изиңди таппай аябай чарчадым Сады-ыр", - деди шыбырагандай, - Сен эми ажеп азап тартасың, мен сенин жаныңда болом", - деди да кулак жарчудай болуп каткырып жатканда чоочуп ойгонуп кетти, саатын караса он эле мүнөт болуптур, уйкусу качканда жумуштан кечикчүдөй болуп саатын карай берчү адат тапкан, жанараак караганда эле саат үчтөн беш мүнөт өткөн, он беш мүнөт өтүптүр. Ал кийин коркпой да калган, ордунан туруп сыртка чыгып басып жүрдү, дегеле уйкусу келе турган эмес. Аңгыча таң атып кетти, аздан кийин Батырбек турду:

- Сиз ушунча эрте турдуңузбу? - деди ал.

- Ээ, эрте турам, - деп койду Садыр, уйкусу келбегенин айткысы келбей.

- Башым ооруп калыптыр, бүгүн тамак таап келбесем болбойт, - деди ал жуунуп жатып, - Сиз бир жакка барасызбы?

- Иштерим бар.

- Ишиңиз бүтсө келе бериңиз, үй бош эле турат.

- Макул, ишиңе бара бер, баса Айжамалдын ишин айтып берчи мага.

- Эмне кыласыз? - Таңгана карады.

- Сүйлөшөм, сен үстү башыңды оңдоп адам бол.

- Макул-макул аке, сиз мага аны кайрып берем дейсиз го ээ? - Батырбек күлүп алды, - Кеткен неме эми кайрылбайт го?

- Байкап көрөлү, сен акылыңа кел бала, али жашсың.

- Өзүңүз билиңиз, - деп үйүнөн чыгып жөнөдү, ал өзүнчө ойлонду: "Чыны менен эле мен акылсыз экенмин, эмнеге минтип жүрөм, атам байкуштун жашы да жетип калды, Талантбек мектепти бүткөндүр, Камчыбек деле чоңойду, мен адам болушум керек, Үмөт аке туура айтат, намыс кылып кайра жолдо калганым жакшы эмес, тачка түртүп оокат кылайын, эртели кеч үйдүн сыртын шыбап ремонт кылайын", - деген ойдо дароо эле тачканы арендага берчү кишиге барды. Паспортун коюп тачка сүйрөй баштады, бирок ал күнү жарытылуу иш болбоду, Садыр үйдү кулпулап көрсөткөн жерине ачкычты коюп көчөгө чыкты, жазга маал болуп калган, пальтосун өйдө көтөрүп алып унаага түшүп акимчиликке келип түштү: "Мен жок дегенде бир адамга жакшылык кылып өлөйүн, колумдан келсе", - деп ойлоп акимчиликке кирип катчынын кабинетине баш бакты:

- Кызым, Айжамал ушул жерде иштейби?

- Ооба, ал бүгүн жок эле.

- Качан болоор экен?

- Кимиси болосуз?

- Агасы, зарыл ишим бар эле.

- Анда үйүнө барсаңыз болот, - деди илбериңки кыз кагазга даректи жазып колуна берип, - Жакшы барыңыз.

- Жакшы тур кызым, ишиңе ийгилик, - Садыр дароо кабинеттен чыгып колундагы кагазга көз жүгүртүп алды, анан аялдамага шашылды, дароо эле даректеги үйдү таап кабат үйдү номерин издеп эшигин такылдатты.

- Ким? - деген үн чыкты.

- Ачып кой кызым.

- Ким дейм?

- Мен Батырбектин агасы болом.

- Кандай агасы? - деп Айжамал эшикти ачты да тиктеп туруп калды, - Келиңиз…

- Келдим кызым, сүйлөшсөк болобу?

- Эмне жөнүндө, эгерде Батырбек жөнүндө болсо айтпай койгонуңуз оң, биз ажырашканбыз.

- Уккамын, анын абалы өтө жаман, жакшы адамды жаман кылган да сүйүү, - деген азап бар кызым, анын кадырына жеткен да, жетпеген дагы бар. Эгерде бактылуу болом десең сөзсүз жоктон баштаганың жакшы, байлык колдун кири, оңойдон табылган байлыктын татымы болбойт, - деп Садыр айтканда Айжамал жер карап ойлуу көпкө отурду, анткени Ашым Кубатович менен эки ай жашап ынтымагы болбой ажырашып кеткен. Батырбекти ойлогону менен баргысы келбей жүргөн болчу, анын үстүнө күйөөгө тийгени бетине чиркөө болуп тартынып: "Эмнеге ак эмгек менен тапкан адамды жеридим, ал мени сүйчү эмес беле, акылы кыска, чачы узун аялдын бири экенмин", - деп өкүнүп жүргөн кези эле.

- Аке, сизге рахмат, бирок мен эмне кылышым керек? - деди муңая.

- Ал ичип өзүн таштап койгон, аны сен гана, сенин сүйүүң менен жакшы мамилең гана сактай алат, силер бактылуу болосуңар кызым.

- Билбейм, мен анын тачки түрткөнүнө намыстанып кеткен элем, эми өзүм барсам эмне дейт? - деп жер карай жаагын таяна ойлуу: "Айлыгымдын баарын батирге төлөп ансыз дагы кыйналып кеттим, эгер кыска ойлонбосом Батырбекти көтөрмөлөп, экөөлөсөк эмдигиче жакшы болуп калмакпыз, өгөй энем болсо көргүсү жок, өз акыбалымды билбей эмнеге секирдим экен, Ашымга окшогон байлар баары бир жакшылык кылбайт экен", - деп ойлонуп алды.

- Баарын унутуп алдыдагы келечегиңерди ойлогула балдар, отуз үч жаш деген күлгүн курак эмеспи, терең ойлон, эки-үч күндө келем, жообун бер, - деди да андан чыкканда анын кулагына: "Тээ тигил аялдын сумкасын ала кач, ичи толо доллар", - деген шыбыш угуп эрксизден эле бирөө колун көтөргөндөй эки кадам алдыда бараткан аялдын сумкасына жармашканын билбей калды:

- Аа-ай ууру, ууруну кармагыла, сумкамды алмак болду! - деп аял айкырганда бир милиция жетип келип кармап калды эле: "Ур, тигини ур, эмне карап турасың ур", - деп колун көтөрүп чаап жиберди.

- Мен… мен эмес, - деп Садыр алдастай түштү, - Эй акмак, сен мени эмнеге түртүп жатасың? - деп эки жагын карап жинди болгон немеде кыйкырып киргенде анын колу дагы көтөрүлдү, бир колу менен колун кармаганга болбой милициянын жаагына дагы тийди.

- Эй акмак, эмне өлгүң келип жатабы? - деп милиционер аны бир тепти, көчөдөн өткөндөр карап өтүп жатканда аны түртүп унаага салды да бөлүмгө алып келди. Ошол убакта: "Сен баарын саба, күчтүүсүң алың жетет, кана тигине теп", - деген сөз кулагына шыбырап угулганда:

- Жок-жок, мени кыйнабачы Айдай, андан көрө өлтүрчү! - деп жиберди, - Мени кыйнабачы, кечирчи мени, антпечи Айдай! - деп башын чайкап көзүн жумуп алып төбөнү карап сүйлөп жатканда эки милиция өздөрүнчө сүйлөштү да кое берди, ал чыгып баратканда: "Сен жинди болосуң", - деген үн кулагына жаңырды эле, - Мен жинди эмесмин, жинди болбойм! - деп бакырып баратканын карап туруп башын чайкай кала беришти. Садыр чын эле өзүн жиндидей сезди, аялдамага келип Батырбектин үйүнө келсе ал кийимдерин өзү жууп жайып жатыптыр.

- Келдиңизби? - деди ал жылмая карап, - Кир жуубасам болбой калды аке.

- Туура кыласың, - деп ичкери кирип жатып алды, негедир ал кардынын ачканын деле билбей калган, кээде жакшынакай эле жүрөт, кээде пайда болгон шум кулагына жаңыра берет: "Мени шайтан арбап алган го, кой молдого дем салдырбасам болбойт", - деп ойлонуп калганда: "Шайтан эмес, менмин Садыр, ар дайым сенин жаныңдамын, үйүңө бара албай калдым, мурда терс жолдо жүргөнүм үчүн мени тозокко салган, аерден шайтандын күчтүүсү мени өч алууга жөнөткөн, качан сен биякка келмейинче мен сенин азгырыгың болом, унутпа-а", - дегенде ыргып турду. Ошол кезде Батырбек кирди:

- Мен бүгүн кайра тачка алдым аке, башка иш колумдан келбесе эмне кылам? - деп күлүп койду.

- Жакшы кылыпсың, менин сага айтаар жакшы жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык?

- Айжамалга жолуктум.

- Кайда экен, иштеп жатыптырбы? - Кубанычтуу карады.

- Ишинде эле экен, сен үйдү тазалап, өзүңдү ирээтке келтир да даярданып тур, мен аны эки күндөн кийин алып келем.

- Чын элеби? - Кыйкырып ийди.

- Акырын, отур мындай, ал деле өкүнүп жүргөн сыяктуу, - деди Садыр жай, токтоо сүйлөп.

- Оой аке, сизге рахмат, сизди көргөнүмдө эле мага бир кыдыр жолуккандай сезгемин, - деп Батырбек кубанычын жашыра албай кудуңдап жатты. Алып келгендерин ортого коюп эбак бир бөтөлкөнү катып койгон экен аны да алып келди, - Бул кубанычка ичпесек болбойт аке, мен сизге ыраазымын, эгерде Айжамал келсе эч качан оозума албайм.

- Ичкиликтин пайдасы жок иним, өмүрүңдү сай кылат, жашоодо өзүңдү-өзүң сыйлап өтүдөн өтөөрү жок, бакыт адамга үч жолу келет, пендебиз да сезбей кармана албай калабыз, - деп Батырбекке акыл-насаат айтып отурду, экөө аз-аздан ичип коюп көптө барып анан жатышты. Ал түнү негедир тынч уктады, эрте туруп кийинип алып басып жүргөн, артынан дабыш чыккансыды, токтой калды, бирок бурулган жок. "Келди, адам болуп жаралганы мындайга ишенчү эмес элем, өз башыма келди, көрсө экинчи дүйнө бар экен да, аны ойлонуп жаңылыштык кетирбешим керек эле, эми аргам жок", - деп ойлонуп калганда бирөө келип тамактан алды, жыгылып түштү, тамагынан муунуп баратканда: "Мени өлтүрбө айтканыңды кылайын, өлтүрө көрбө", - деп жерде тыпырап жатканда Батырбек чыга калды:

- Сизге эмне болду Үмөт аке? - Колтуктай өйдө кылды, ошондо эмелеги муунткан неме жоголуп кетти.

- Астмам бар эле, кармап калбадыбы, - деп күбүнүп зорго эс алды.

- Этият болуңуз, дарыңыз бар беле?

- Бар, жетишпей калдым, - деп жер карап тамагын кармалап турганда: "Жан керек экен ээ, алып кет дечү элең го, каалаганыңды кылайын дедиң го, жан таттуу бекен, мен дагы ошондой кыйналгамын", - деген үн угулганда башын мыкчып үнсүз тегеренди: "Менин үй-жайымдан безип жүргөнүм азбы", - деп ойлонуп кетти. Ошондо Батырбек:

- Үмөт аке, тамагыңыз кызарып кетиптир да, - деди мойнун көрүп.

- Аа-а, кыйналганда өзүм тырмалап ийдим да, - деп жооп кылды.

- Ооруңуз жаман экен, дарыланбайсызбы?

- Өзүм жакшы элемин, кээде кармап калганы болбосо… - Уккусу келбей ары басты, айласы кетип көчөгө чыккандан дагы коркуп калды. Аттиң пенде, башына кыйын иш түшмөйүн кудайды эстебей, дөөлөтүнө манчыркап, тирүүлүктү жалгыз ээлеп тургандай түрдө бечаранын көз жашын, канын мойнуна жүктөп алып эч нерсе болбогондой кычырап гана өтүшөт го чиркин, жеринен момун, ак дил, таза пейил жаралган адам өмүр бою адал эмгеги менен жашаса да таманынан чор, маңдайынан шор кетпей оо дүйнө салат. Бул теңсиздик дешип кээ бир бечаралар тагдырына таарынып, кудайга, жаратканга наалат айтканычы? Ооба, бул өмүрдө баары болот, бирок алла тең, калыс экенин мойнубузга алгыбыз келбейт, бул дагы пенденин кемчилиги. Садыр дагы өз кылган күнөөсүнүн жазасын өтөп жатты, кезинде ойлонгон эмес, эми мите курттай жанын жеп, соо туруп жинди адамдай басып жүргөнүнө кейип-кепчип алат. Кайда бараарын да билбеди, өлбөс болуп жаралгандай жашоодон тажап турса дагы: "Өлсөм да балдарымдын маңдайында болгонум жакшы эле, талаада калбасам экен, шерменде өлүмдөн сакта", - дечү болду. Ал базарга жөнөдү, үнөмдөгөн акчасы түгөнүп, Батырбектин үйүнө тургандан бери тамак-аш көтөрүп келбей уялып жүргөн, сакалын таптакыр албай койгондуктан саксайып өсүп кеткен эле, базарга кирип: "Мен дагы тачка түртсөмбү жок дегенде күнүмдүккө тыйын таап турам", - деп ойлонуп кайра Батырбекке сүйлөшмөк болуп артына бурулганда: "Тээ тигини ал", - деп кулагына тааныш үн угулганда:

- Жок, жок албайм! - дегиче эле колу барып жайылып турган кийимге жабышты, - Жо-ок, албайм мени азгырба акмак! - деп колуна алып көтөрө качканда сатууучу узатпай кармап калды:

- Сакалдуудан уят кеткенин кара, уялбайсызбы уурдагандан, - деп жулуп алды.

- Жок-жок, мен эмес, ана тигил алды, ана тигине! - деп туш тарапты көргөзө баштады.

- Айныган неме окшойт, - деп сатуучу келин ары кетип калды. Садыр өзүнчө сүйлөп кетип жатты.

- Мен андай эмесмин, ишенгиле балдар, мен уурулук кылбайм, мени азгырып жатат, - деп кете берди.

Эмне кылаарын билбей, өз кадамынан өзү коркуп баратып аялдамадан өтүп кетиптир, кайра келип унаага түшүп Батырбектн үйүнө келип жатып алды. Кечинде Батырбек көтөрүнүп келди, экөө отуруп тамактанып көпкө сүйлөшүп отурушуп эртеси Айжамалга бармак болушту. Садыр Батырбекти жатпаса экен деп тилеп жатты, өзү жатса эле балээ басып кулагына ызылдаган үн угулгандан тажады. Түн, бир оокум болуп калган: "Сени кыйнап жыга албадым, менин убактым бүтүп баратат, эми сени алланын өзү жазалайт, сыр жашырганың жаман болду, ар бир адамга айта жүрсөң болмок, мендей эркектерди ылгабаган аял, сен сыяктуу эркектер эсине келип калаар беле, аялың момун жан тура, бейиштен орун алды, мен орто жолдомун, бейиштин оозу мен үчүн миң жылда ачылат, ага чейин тозок менен бейиштин ортосундамын", - деп кулагына жаңырып турду: "Сен мени кыйнаганың үчүн дагы жазаландыңбы?", - деди Садыр кадимкидей аны менен сүйлөшүп: "Жок, ал үчүн мени жазалабайт, күнөөлүүнү жети жылга чейин өлгөн адам өзү кыйнайт, менин өз күнөөлөрүм да бар эле, үч баланы жарыкчылыкка алып келбей туруп алдырып койгомун, чоңойгондо алдырганым үчүн азаптамын", - деп унчукпай калды: "Эмне унчукпай калдың", "Мени бир гана күч кармап токтотуп жатат, сенин апаң, эми аялың дагы коргой баштады, айыпсыздардын сөзү бул дүйнөдө дагы өтүмдүү", - деп тымтырс болуп калды: "Аялымды көрдүңбү", - деген сөзүнө жооп болбоду, бир кезде элес булас апасынын элеси көрүнүп, аппак көйнөк жоолугу делбирей жанына келди: "Балам, эмне мынча күнөөгө батып жүрөсүң, сени неберелеримди калкалайм, - деп кыйналдым, атаң экөөбүз силерди ушуга үйрөттүк беле, адам болуп жаралган соң, адам болуп жаша дечү элек, атаң дагы капалуу, сени азаптан кутулсун деп сени үйдөн кетирдик, эми балдарыңа бар дагы тынч жаша", - деди да булут сымал созулуп барып жок болуп кетти. Жаны жай ала ойгонгон Садыр жеңил ойгонду, көпкө жатты, али таң агара элек, тургусу келбей магдырап жата берди, бүгүн таң атса Айжамалга барышмак. Көпкө ойлонуп жатып туруп сыртка чыгып жуунуп өзүнчө жеңилдеп калганын сезди, анан кирип Батырбекти тургузмак болду:

- Ээ жигит тур, эртелеп ишти бүтүрүп келели, сага аялың керекпи? - деди күлүп.

- Аа-а, катуу уктап калганымды кара, - деп Батырбек туруп кийинип жуунуп, кийимдерин алмаштырып, жасанып жатты.

- Дал ошондогудай болуп көрүнүшкө аракет кыл, - деди Садыр жылмая, - Айжамал сени көргөндө сүйүп кала турган болсун.

- Ал сүйбөсө керек, сүйүүмдү ага мен таңуулагамын Үмөт аке.

- Эчтеке эмес, ал сени түшүнөт, сүйүп калышы да мүмкүн.

- Чын эле мени сүйөөр бекен Үмөт аке?

- Кам санаба, ак менен караны, булганыч менен тазаны түшүнүп, ылгап кала турган болгондур, - деди Садыр ойлуу, - Сен өзүңдү жакшылап каранып чыкыя барып каласың.

- Айжамал мени түшүнсө эле болду.

- Ал түшүнөт, сен алгачкы көргөнүндөй бол, гүлүңдү алып ал, жумушуна кете электе барып калалы, - деди Садыр, өзү чай коюп аны күтүп турду, ал кийинип, кастюмун кийип, галстугун тагынып алып:

- Үмөт аке, кана жагамбы? - деди күлүп.

- Азамат, жакшынакай эле жигит турбайсыңбы?

- Баары үчүн сизге рахмат.

- Эчтеке эмес, кана бир чыныдан чай ичип алалы, - деп Садыр чай куюп сунду, экөө шам-шум этип алып үйдөн чыгышты. Алар келгенде Айжамал жаңы эле үйүнөн чыгып келе жаткан, алдынан чыга калган Садыр менен Батырбекти көрүп тык токтоду, Батырбектин колунда гүлү бар:

- Салам Айжамал? - Батырбек гүлүн сунду.

- Салам, - деп Айжамал эмне кылаарын билбей жер карады.

- Айжамал, кечир мени, - Гүлдү анын колуна карматты.

- Кызым, иштериң жакшыбы?

- Жакшы аке, - Батырбектин колунан гүлдү алып жооп берди.

- Менин келээрим эсиңден чыкпагандыр?

- Жок, жумушка бараар убактым болуп калды.

- Мейли, Батырбек мен өз ишимди кылайын, силер аздап сүйлөшкүлө, - деди да жолуна түштү.

- Айжамал, мени кечир, бар күнөөм ишимди жашырганым го?

- Батырбек, кечире тургандай күнөөң жок..

- Чынбы, сен мени күнөөлөбөйсүңбү? - Кубанычтуу маңдайынан өөп ийди, - Демек бирге болуубузга болобу?

- Батырбек, биз эми бирге боло албайбыз.

- Эмнеге? - Супсуну сууй карап калды.

- Мен күйөөгө тийгем…

- Эмне дейсиң, качан?! - Батырбек эмне кылаарын билбей туруп калды.

- Ооба, өзүм каалагандай, даяр үйдүн ээси болгум келген, мансаптуунун жанында жүргүм келген, бирок алар ошончолук жан дүйнөсү жарды адамдар болоорун сезген эмесмин…

- Болуптур эми, демек Үмөт акеден жашырдың?

- Ооба, айта албадым.

- Күйөөң кайда эле?

- Ажырашып кеттим.

- Эмне, андан дагыбы?

- Ооба, менден угаарыңды уктуң, эми бара берсең болот, - деп жөнөй бермек болгондо Батырбек аны карыдан алды:

- Эми эмне кылайын деген оюң бар?

- Тагдырымдан көрөм…

- Азыр ишиңе бара бер, мендей тачкисти эсиңе алып коеорсуң, мен эртең кечинде келем, жакшылап сүйлөшөбүз, кандай дейсиң?

- Ойлонуп көрөйүн, - деди дагы Айжамал тез басып кетип калды, Батырбек анын артынан карап туруп: "Мен мунун кетип калганына ичим ачышып колумда жоктугуна ата-энемди күнөөлөп жинди боло жаздап жүрсөм бул эрге тийип чыкканга жетишкен тура, эми эмне кылсам, ушул бойдон тим коюп башка аял алып жашай берсем бекен", - деп ордунан жылбай көпкө турду да башын шылкыйта үйүнө жөнөдү. Кайра келип тачкасын алып кечке иштеди, тааныш балдары аны таңгала карап кээси ага тамаша ыргытып жатты.

- Батырбек аке, сизди аябай байып бир кабинетте отургандыр десе кайра келдиңизби?

- Силерди сагындым да.

- Ошондой деңиз, болбосо депутаттыкты ута турган акча жыйнадыңыз эле.

- Менин ордум депутаттык кресло эмес, силердин жаныңарда да, - Баары каткырып калышты. Ошол күнү клиенти жакшы болду, кечинде канчалык чарчаганы менен чөнтөгүнө түшкөн акча анын көңүлүн көтөрө эт-аш алып келсе Садыр үйдө экен.

- Келдиңизби Үмөт аке?

- Ооба, жолугушуу кандай өттү?

- Жаман.

- Эмнеге?

- Айтпаңыз, барганыма өкүнүп турам.

- Анчалык эмне болду?

- Үмөт аке, ал күйөөгө тийип чыгыптыр…

- Ошондой бекен?

- Ооба, өзүм шок болдум.

- Да-даа, бирок терең ойлон, сен аны сүйөсүң туурабы?

- Сүйөм, бирок ошонусу…

- Батырбек, аялдын эмнеси коромок, тийсе тийгендир, бирок ал сендей болгон эмес, анан кетип калган, демек анын да сага деген сезими бар, - деп Батырбекти карады.

- Ошондойбу?

- Албетте, ал жаштыгына, сулуулугуна чиренип бир өмүрдү каалагандай өткөргүсү келди, бул жөн гана кыялы болсо керек, анан ал сени унута албады, дал сендей абалда болгон, - Ишендирмек болуп көпкө ар кандай сөздөрдү айтып жатты.

- Анда мен аны кайра алсам болот экен да?

- Эмнеге болбосун, башка бир аялга үйлөнөсүң, ал деле сенден мурун бирөө менен жүргөн, азыр кимге ишенесиң, айрыкча аялзатынын жетимиш сексен пайызы байлыкты жакшы көрүшөт, жакшы кийим, кооз-кымбат жасалгаларды сүйүшөт, жакшы сөзгө бат ээрип кеткен назик, сезимтал жан келишет.

- Чын эле…

- Андан көрө кайра дагы бар, кайрадан бирге жашасак болобу деп өтүн.

- Эртең кечинде бараарымды айткамын.

- Аз-замат, туура кылгансың, адашкандын айбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң, - деген сөз бар. Аял деген азгырык, аны азгырган эркектер дагы себепчибиз, - деп өткөнүн ойлоп ийди, кылт этип эсине түшкөндө эси чыгып кетет, тура эки жыл бою балээден кутула албай тарткан азабы көөнүнөн чыкмакпы, экөө унчукпай калышты, Батырбек алып келген этин кичинекей кастрюлга салып асып коюп чай ичишти. Кобурашып көпкө отурушту, үйүн бүтүргөнгө жардам бермек болду Садыр. Эт бышып камырдан салып тоюп алып анан жатып калышты. Эртеси эрте туруп экөө тең базарга жөнөдү, Садырга дагы сүйлөшүп тачки алып берди, кашайып сакалы сапсайып карыган адамга эч ким жүк салгысы келбей көпкө жүрдү, анан бир жаш келин ага жүктөп алып машинасына чейин алып барды, жүктөп бергенден кийин:

- Ата, муну чай ичип коюңуз, мен күйөөмө куран окутуп жаттым эле, - деп беш жүз сом карматты.

- Балам, мен өз эмгегимди алам, мунуңду кой, уят го?

- Алыңыз, менин дагы сиздей атам бар, жылуу үйдө, мештин түбүндө отураар курагыңызда минтип оор жүк ташып жүрүпсүз, чай ичип коюңуз, - деп машинасына отуруп жөнөп кетти.

- Садыр аябай жаман абалда калды, жашы элүүгө чыга элек кырк сегизде эле: "Минтип карыялардын баарына сөз келтирбесем болду, ушунчалык март адам болот экен да, отуз сомдун ордуна беш жүз сом алуу оңбогондой көп да", - деп ойлонуп алды. Андан кийин майда барат ташып кечке жакшы эле иштеди, кеч кайтты, ал келсе Батырбек эбак келип кайра Айжамалга кеткенин билди: "Бечаралар, ымалашып калаар, Батырбек деле жаман жигит эмес экен, ак көңүл, пейили таза, жан адамга деле жамандыгы жок", - деп ойлонуп алып келген этин асып, туз салып коюп уктап калды уктап жатып түш көрдү, түшүндө ата-энеси экөө тең көрүндү, апасы: "Балам, кан куткарбайт деген бар, сен этияттап жүр мындан ары, сен кыйналган сайын биз дагы кыйналабыз, мындан ары намаз оку, таза жүр, кудай алдындагы күнөөңдү жуугуң келсе бирөөгө жакшылык кылуудан баш тартпа, ачка калсаң дагы алдыңдагы ашыңды берип башка адамдын өмүрүн сактаганга аракет кыл балам", - деди да көздөн кайым болду. Ойгонуп алып кайнап жаткан тамактын чий көбүгүн алып сапырып тузун көрдү, бул кезде Батырбек менен Айжамал экөө сүйлөшүп отурушту:

- Айжамал, сен менин сүйүүмө ушундай жооп кылдың, эми эмне кылайын деген оюң бар, мына дагы алдыңа келип отурам, мен сени сүйгөнүмдөн баарына кайыл болуп отурам, дагы да сүйөм сени, сен кеткени көзүмдү ачпай ичтим, аял аттууну жек көрдүм, - деп Батырбек Айжамалды карап жооп күтүп калды:

- Батырбек, балким мени түшүнбөссүң, ишенбессиң, бирок өзүм да кийин түшүндүм, жаңылганымды кеч сездим сени сүйөөрүмдү, көрсө менин ордум, бактым сени менен гана экенине, кечире алсаң кечир, - деди Айжамал жер карай.

- Демек мени менен жашоого макулсуңбу, тачка түртүп тапкан акчамды жээрибейсиңби?

- Жок Батыр, көрсө ак эмгек менен тапкан нандын даамы таттымдуу болот туура, кечирип кой, экөөбүз бирге болбогон күндө дагы сенден кечирим сурашым керек эле.

- Айтпаганым үчүн сен дагы мени кечир.

- Батырбек?...

- Ооба, мен сени сүйөм, кайрадан менин жарым бол деп суранам, - деп Батырбек жанына келип колунан кармады.

- Батырбек, чыныңбы ушул? - Айжамал көздөрүн жайната кубанычтуу күлүмсүрөдү, - Чын айтып жатасыңбы?

- Ооба, чын жүрөгүм менен айтам, баягы бүтпөгөн үйгө мени менен барып жашаганга макулсуңбу?

- Жан дилим менен бүтпөгөн үйдү экөөлөп бүтөбүз, биргелешип баарын жасабыз Батыр! - Экөө кучакташып көпкө отурушту.

- Айжамал, бир нерсени чечип алышыбыз керек.

- Айта бер, кулагым сенде.

- Бири-бирибизден сыр жашырмай жок, жүйөөлүү нерсе болсо экөөлөп чечебиз, өз бетибизче иш кылбайбыз.

- Буга мен макулмун, - Айжамал күлмүңдөй карады.

- Эгерде ишиң чыкса, же иштешкендериң менен бир жакка бара турган болсоң мага эскертесиң.

- Жа-арайт, буга дагы макулмун.

- Үчүнчү сураныч, сен жөнүндө башкадан укпайын, өзүң айт, кандай сөз же бир өзгөрүү болсо.

- Айтканыңдай болот.

- Эмесе келиштик деп ойлойм.

- Келиштик.

- Эмесе үйгө кеттикпи?

- Азырбы?

- Эмнеге күтөбүз, өз үйүбүзгө кетели.

- Макул, эгерде тергөөчү болсоң курутмак экенсиң, такси алып келе кал, бир аз төшөнчү алып кетели.

- Жарайт, - Батырбек макул болду, анткени үйдөгү кир жууркан төшөгүнөн өзү жийиркене баштаган болчу. Бат эле такси алып келип бир аз буюм-тайымдарын алып жөнөштү, Садыр тамакты бышырып, этти чыгарып, кесме салып коюп күтүп отурган дүр этип машинанын үнү угулганда чыга калды, алар жүгүн түшүрүп жаткан.

- Оо жаш жубайлар, келип калдыңарбы? - деп кучак жая тосуп алды, - Куш келипсиңер балдар!

- Келип калдык Үмөт аке.

- Жакшысызбы ава?

- Жакшы-жакшы балдар, дал учурунда келип калдыңар, - деп бакылдап жүктөрүн көтөрүшүп ичкери алып киргизди, үчөө отуруп тамактанганы дасторконду тегеректей отурушту, - Силерди келет деп беш бармак жасап койдум, Айжамал келинимдин келиши үчүн, - деп жакшы виносун алып чыкты.

- Оо Үмөт аке, сиз коноктогону калдыңыз го?

- Албетте, конок болгонду билген киши коноктогонду да билиши керек го?

- Рахмат Үмөт аке, сизге ыраазыбыз.

- Кана балдар, тамакка карагыла.

- Сизден келсин, - дешип бири-бирин сыйлап алың-алың, - деп тамактан алып кызыл винодон ичип коюп отурушту, Айжамал ушул күнү өзүн бактылуу сезип отурду, Ашым менен жашаган алты айдын ичинде өзүн абдан жаман абалда, керексиз буюмдай сезилген мүнөттөрүн эстеп кетип, дароо жанында отурган Батырбекке карады, өткөндү эстегиси келбеди.

- Айжамал, кел эми мындан алып отур, сен экөөбүздү да ушул киши бириктирип, себепкер болуп башыбызды кошконунан ыраазы болуп, рахмат айтышыбыз керек, мен таптакыр өзүмдү таштап, Айжамал деген гана оору менен алышып, ага аракты шерик кылып калганымда башымды өйдө көтөрүп, акыл-насаат айткан ушул аке, - деди Батырбек.

- Ыраазымын аке, мен дагы жаңылганымды кеч сезип ойлоно баштаган кезим эле, учурунда барып калдыңыз, - деп күлдү Айжамал.

- Бир нерсеге бир нерсе себеп деген ошол, силердин тагдырыңар менсиз дагы кошулмак, болгону алла мени силерге элчи кылып жиберди, - деп Садыр экөөнү ойлуу карады, - Мындан ары бириңди-бириң сыйлап, угуп өмүрүңөрдө өкүнбөй турган болгула, кудай силерге узун өмүр, бөксөрбөс ырыскы, кемибес бак-таалай берсин балдар, ооми-ийин! - деп экөөнө бата берди Садыр.

- Айтканыңыз келсин.

- Рахмат сизге, сиз дагы жакшы жүрүңүз.

- Эчтеке эмес, эми ата-бабанын арбагына бир куран окуп коелу, ата-арбакты эстей жүргөн жакшы, - деди да өзү куран окуп узакка отурду да ичинен ата-энесин, Айдай менен Гүлайымды кошуп атап бата кылды, - Эми балдар бир-эки күндө мен дагы үйгө кетем, - деди.

- Үмөт аке, сиз кеткени калдыңызбы?

- Ооба, кетишим керек, - деди ойлуу.

- Сизди бизге кудайым кыдыр кылып жөнөткөн го, биздин башыбызды кошуп коюп эле кетип каласызбы?

- Кетүүмө туура келет балдар, - деп көзүн ылдый каратты, бир эле калаа, чоң шаарда аны эч ким таба алмак эмес эле, билинбей арадан үч ай өтүп кеткен экен, ойлонуп сырткы бөлмөгө орун салып жатып калды, ички бөлмөдө бүгүн жубайлар жатышмак: "Ушуну менен кутулганым чынбы үйгө барсам эмне дешет, кайда жүрдүң дешсе эмне, - деп жооп кылам, кандай болсо дагы аман-эсен көрсөм болду, ошолордун жамандыгын көрбөсөм болду, залакам тийбесин деп тентидим, жаратканга шүгүрлүк, калыстык кылды, ушуну менен баардык азап-тозок артта калсын", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Уйкусу тынч болуп кандай таң атканын сезбей, уйкусу канбай калганына таңгалчу болду: "Уйку тынчылык деген ырас тура, жалаң арбак менен алышып жүрүп кандай уктаганымды билбей жүрсөм, эми уйкум канбай калчу болду, а айланайын тирүүлүк аа-а, тирүүлүктүн жышаанасы өзүнчө бир касиеттүү болот тура", - деп ойгоо жатса сырттан кобур-собур угулду. Көрсө Батырбек эрте туруптур, ал сырттан кирип:

- Үмөт аке, ойгоно элексизби? - деди.

- Ойгоомун, эмне болду?

- Мен кызык абалда калдым, сизди бир келин издеп келиптир.

- Эмне дейт?

- Кайнатама окшоштурдум, үйүңүздө жүргөн киши ким дейт.

- Кандай неме экен?

- Жаш келин.

- Эмне дедиң анан?

- Ал башка адам, аты Үмөт эмеспи десем жок дейт.

- Мейли, азыр жоголгон адам толтура, окшоштурса окшоштургандыр, - деп кийинип эшикке чыкты: "Аида болсо керек, ал мени кайдан көрдү экен, маршруткадан көрдүбү, жо-ок ал биякка эмнеге келмек эле, ал мүмкүн эмес, кайнатам деп андан башка ким айтмак эле, башка бирөөнү издеп жүргөн немедир", - деп ойлонуп жуунуп ичкери кирди. Үчөө чогуу эртең мененки нарды бирге ичип алып үч башка жөнөштү, Садыр эмне кылаарын билбей ээн жакка барып кечке ойлонду. Анан кайра Батырбектин үйүнө келди, ага чынында акча керек эмес эле, келип кечке чейин кийимдерин жууп жайып дагы тамак жасап үйүн жыйнап күтүп жатканда Батырбек, андан кийин Айжамал келди. Алар ага ыраазы болуп, калганын Айжамал өзү шыпылдай жасап жатты, Батырбек менен Садыр сыртта сүйлөшүп отурушкан:

- Үмөт аке, эртең Айжамал экөөбүз нике кыйдыралы деп жатабыз, сиз катышасызбы?

- Силер кал десеңер калайын.

- Эң сонун, буйруса никени жаңыртып коюп анан тынч өмүр сүрүүгө болот.

- Ата-энеңди унутпа, алар сени ойлонуп карыган кезде азаптанышын эсиңе ал, ата-эне үчүн бала эң биринчи бакыт, сенин бактылуу болушуңду гана каалашат, өзүң дагы ата болосуң, ошондо кеч болуп калат, өзүңдөн кийинки ини-карындаштарыңды карашың керек Батырбек.

- Туура Үмөт аке, эми сөзсүз барабыз.

- Баргын, унутуп калганың болбойт.

- Сизге рахмат Үмөт аке, адамды сыйлашты, кечиримдүүлүк менен токтоолукту үйрөттүңүз, бала кезимде апам көп эле нерселерди айтаар эле, көрсө мен таптакыр көңүл бурбаптырмын, көрсө анын айткан акылын кулагыма илбепмин, - деп Батырбек жер карап өз кылыгынан уялгандай болду. Ошол кезде Айжамал:

- Батыр, тамак ичип алып, менин жүктөрүмдү алып келе калалы, батирди бошотушум керек, - деди.

- Болуптур, жүрүңүз аке, тамак ичели, - деп Үмөткө карады. Үчөө тамак ичип бүткөн соң Айжамал менен Батырбек дароо кетишип бир-эки сааттан кийин чоң машина менен жүгүн алып келип калышты. Алым менен ажырашканда бир топ мебель менен килем паластарды алганга акча катып алгандыктар бир бөлмө үйдү жалдап толтуруп алган эле. Эки бөлмө үйү заматта өзгөрүлүп дүнүйөгө толо түштү. Айнек пардалары менен эшик пардалары абдан кооз болуп үй ичин башкача көрккө бөлөдү: "Адамдын көркү чүпөрөк", - дегендей өңү серт адамды адеми кийим кийгизип койсо көзгө толо түшкөндөй үй ичи дагы көңүл сергитип кооз боло түштү.

- Мына, үй ичи болсо көңүлдү эргитип сезимдерди козгой турган болду, кантсе дагы аял үйдүн куту деген ушу да, - деди Садыр, ушул кезде ал өз аялы Гүлайымды эстеп кетти, бир жолу жаңы парда алып келип тартып алып: "Садыр, кыздарыбыз бойго жетти, куда-кудагый күтүп калсак кеп кылат, Шумкарым дагы үйлөнөм деп турат, үй жайыбызды оңдоп алсак жүзүбүз жарык эмеспи", - деп кубанычтуу күлүмсүрөгөн эле: "Байкушум ай, куданы күтүп тилегиңе жеттиң, бирок бакыттын чегине жетүү кыйын экен, калган эки уулуңдун аялдарына маңдай жарып кубанып, жооолук сала албай калдың", - деп каңырыгы түтөй бир ордунан жылбай турганда Батырбек:

- Үмөт аке, сыртка чыгып коюңузчу, - деди эшиктен баш багып.

- Эмне болду? - деп шашыла чыга калса уулу Кумар менен Аида экен, ал эч нерсе болбогондой Батырбекке кайрылды, - Эмне кеп?

- Сиз менен жолуксам дешет…

- Угуп жатам, - деди Кумар менен Аиданы карап.

- Сиз… сиздин атыңыз Садыр эмеспи? - деди Кумар, анткени ал таанып тааный албай турду, өсүп кеткен сакалдары, чачы кулагынан ылдый түшүп, жаак эттери шылынып өтө арыктыгы, кийимдеринин ирээтсиз болуп бырыш-тырышы аны алардан бөлүп турду.

- Жок, менин атым Үмөт деген болот, тээ алыскы айылданмын, жакында үй-бүлөөмө кеткени турам, - деди ойлуу, өзүн араң кармап көзүнө жаш тегеренип кеткенин байкатпаска бурула берди.

- Сиз… сиз… - Кумар бир нерсени сезгендей обдула бергенде Аида кармап калды:

- Кеттик Кумар, башка киши турбайбы, жүрү кеттик.

- Билбейм, билбейм жеңе, бул жерде бир нерсе бардай…

- Көрдүң го, башка киши экенин, атам болсо бизди таанымак да, - Аида Кумарды колтуктай машинага жетип отурушту да жөнөп кетишти, Садырдын жүрөгү ачышып: "Шашпагыла балдарым, эртең өзүм барам, силердин амандыгыңар мен үчүн бакыт", - деп ойлонуп эшиктин алдында тура берди.

- Үмөт аке, карасаңыз кандай кызык, мен дагы сизди Садыр акеге окшоштургамын, булар дагы ошентип келишиптир да, адамга адам мындай окшош болоорун уксам дагы мынчалык окшош болоорун билген эмесмин, көрсө боло берет тура, - деп жанына келди. - Ал Садыр акеге эмне болду экен, жакшы киши эле, шаарда турушат, баласы менен таанышып сурап койбопмун.

- Билбейм, мени көп адамга окшоштура беришет.

- Сиз сакал мурутту канча жашыңызда койдуңуз эле?

- Өтө жашымда.

- Ошондо…

- Жыйырма беш…

- Намаз окубасаңыз деле коюп алгансызбы?

- Жок, намаз окугандар эле коет бекен, мага жагат.

- Канча балаңыз бар?

- Эки уул, бир кыз, - деп тунжурай түштү: "Экөөнү учуруп жибердим, алар үчүн күнөөмдү көтөрө албай минтип жүрөм, тагдырга тан бере албайт экенсиң да", - деп ойлонуп турду.

- Жакшы экен, бактылуу адам экенсиз, бала деген жакшы болсо керек ээ Үмөт аке?

- Анан эмне, бала кан-жаның менен барабар, артыңда калып тукумуңду өстүрөөр мураскериң, - деди Садыр абдан терең ойлонуп.

- Ооба, ырас эле, биз дагы балалуу болсок ошентип кубанат экенбиз да!

- Албетте, балалуу болуу чоң бакыт иним, - деп көпкө отурушту, сыртта. Айжамал бүгүн жекшемби болгондуктан үйдө, өзүнчө убараланып жүрөт, ушул кезде Батырбек: "Айжамал мурун мындай эмес эле, көрсө адегенде эле мени сынамак болуп келген тура, ойлогону байлык болуп келсе менин тачка түрткөнүм жинин келтирип чыдабай качкан экен, балким байлардын бири жакшы карап, мендей сүйгөндө кайрылып келмек эмес экен, буга өзү байлык керек окшойт", - деп ойлонуп отурду. Айжамал тыпылдап үй тиричилик менен алек, кечкиге өзү билип тамак даярдап, кайра Батырдын кийимдерин жууп кеч киргизди. Ал күнү аерде калып Садыр эртеси эрте чыгып кетип чач тарачка кирип, сакал мурутун, чачын алдырды да терең деп алып алгандан кийин үйүнө кетчү маршруткага түшүп жөнөдү. Үйүнө жакындаган сайын жүрөгү лакылдап баратты, аны адегенде коңшусу көрүп калды:

- Оой Саке кандай, бу кайда жүрөсүң кошуна? - деп кош колдой.

- Кандай, жакшы турасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, баары жакшы балдарыңа кыйын болду, энесинен ажыраганы аз келгенсип сенин дайныңды билбей жаман болуп жүрүшөт.

- Мейли, мен үйгө кирейин, - деп дарбазасына жетип колдору калтырай бир азга турду да шарт ачып кирип барды, эшик суук болгондуктан сыртта эч ким жок эле, бирок аны бир кызык жаңылык күтүп турган эле, ал жаңылык Кумар мектепти бүткөн соң үйдө болуп калып жеңеси Аида менен бири-бирин сүйүшүп калып үйлөнгөндөн тартынып жүргөн кездери эле. Аида Кумардан үч жашка эле улуу, ошондуктан кайнисин күйөөсүнө окшоштуруп экөө жакындан сүйлөшүп чече албай жүргөн. Кирип келгенде эле небереси Нурел көрө калды:

- Ата-а, ата кейди!

- Нурел, - деп чыга калган Умар атасын көрө коюп саамга туруп анан, - Ата, келдиңизби ата? - деп кучактап калды.

- Келдим уулум, келдим…

- Кайда жүрдүңүз, неге кетип калдыңыз?

- Уулум, менден эч нерсе сураба, силерди аман-эсен көргөнүмө тобо, - деп Садыр ыйлап небереси менен уулун кучактап алып ыйлап, жыттап алып сүйлөп жатты, - Силерди көргөнүмө шүгүр садагаларым…

- Ата, ыйлабаңыз эми, - Умар атасынын кучагынан бошонуп көз жашын аарчыды, - Болду эми ыйлабаңыз.

- Кумар кайда?

- Ал жеңем менен базарда.

- Жардам берип жүрөбү?

- Ооба, - деп койду Умар, ал өзүнчө ичтен тынып сыр жашыргандай болду, анткени ага-жеңесинин мамилесин билгендиктен унчукпады.

- Мейли, жардам берсин, Даткайым келип жатабы?

- Күн алыс келип турат, жездем Россияга кеткени жатат, ошондо эжем биз менен болом деген, эки баласы менен жакшы эле жүрөт.

- Ошентсин, - деп төргө кыңкая кетти, аны көбүнчө ээрчиген караан кыйнаганына жаны ачышып, бирде чоочулай коркуп кетип: "Акарат кылбайынчы, кесирим тийбесин дагы", - деп ойлонуп жатканда:

- Ата, ата-а, - деп Нурел жанына келди, - Ато-ов.

- Оов садагасы, кел жаныма отур.

- Ата-ата, апам кейет, апам нан акейет.

- Ооба уулум, апаң алып келип берет ээ? - деп өйдө болуп небересин өөп алдына алып отуруп эркелетип жатты, - Атасынын уулу го, айла-анайын десе.

- Ата, кайда жүрдүңүз? - Байкоостон кирип келген Кумар атасын көрүп эле сурап ийди, - Ата! - деп кайра келип кучактап калды, анын артынан кирген Аида селдээ туруп калды: "Бул кечээки эле киши болчу, эмнеге үйдөн качты, эмнеге ушул чоң шаарда таптакыр табылбай койгон, эмне кылып жүрдү, аялы өлгөндөн кийин дайынсыз кеткени кызык", - деп ойлонуп турганда Кумар атасын кое берди, - Сизди канча издедим, эч жерден таба албадым.

- Ата, жакшы келдиңизби? - деп ортодон Аида учурашып калды.

- Жакшы балам.

- Ата, айтчы деги, эмнеге кетип калдыңыз? - Кумар атасын суроолуу карады, Садыр унчукпай көпкө телмирип отура берди, эмне демек, кандай жооп кылмак, айта турган жообу да жок эле, унчукпай коюдан өткөн жооп жок эле.

- Кумар, атамды кыйнай бербегиле да, - деп Аида кайнисине кайрылды, - Эми эле келсе, сурай бербегиле.

- Кантип сурабайм, биз кандай убара тарттык?

- Кой балдарым, менин силерге берээр жообум жок, мына келдим, соттосоңор да, оттосоңор да өзүңөр билгиле, - деп шылкыйды Садыр. Кумар менен Умар бири-бирин карап тим болушту, Аида өз иши менен алектенген тейде кыбырап казан-аягында. Эч кимиси үндөбөй отуруп тамактанып анан жатып калышты. Эртеси Даткайым жетип келди, кимден укканы белгисиз угуп келген экен.

- Ата, - деп учурашып ыйлап алды, кантсе дагы ургаачы эмеспи. Ата, эмнеге айтпай кетип калдың, кайда жүрдүң, апамдан ажыраганыбыз аз келгенсип сизди таппай калып жаман болдук.

- Ыйлаба кызым, мен силердин миң ирээт берген сурооңорго бир жолу дагы жооп бере албайм кыйнаба, дагы келгениме кубангыла, силерди көрбөй каламбы дедим эле, ушуга шүгүр, - деди оор дем ала Садыр.

- Ата, ошончолук кандай жашыруун ишиң бар эле?

- Кой кызым, андан көрө күйөө бала жүрөбү, кайын журтуң тынчпы, балдар чоңоюп жатабы? - деди сөздү башкага бура.

- Жакшы жүрүшөт, салам айтышты.

- Саламат болсун, Элдар Россияга барганы жатабы?

- Ооба, эмки жумада кетет, азыр өзү дагы келип калат.

- Мейли, аман-эсен жүрсөңөр болду, - деп Садыр күңгүрөнө отуруп калды. Андан кийин айыл-коңшулары дагы учурашып кирип-чыгып кечке эшик тынбады, Аида үйдө калган, келгендерге чай коюп узатып жатканда Аиданын ата-энеси келип калды, алар аны укпай эле кызын алып кеткени келген экен, Садыр менен учурашып төрдөн орун алгандан кийин Сабыржан сөз баштады:

- Куда, келип калыпсыз, Шумкардын өлгөнүнө эки жыл болду, эми Аиданын башын азат кылгыла, уруксат берсеңер алып кетели.

- Мен жаш немени кармай албайм, арга жок уулумдан айрылып калдык, Аиданы мен кызымдай эле көрөм, кетем десе койсо өзү билсин, кет дегеним болбос…

- Аның туура куда, сиздерге ыраазыбыз, Аида баласынан эле чыга албай жатат, баланы алып кете берсек барып көрүп турасыңар, - деди апасы Айсулуу.

- Апа, - деди, Аида кирип, - Мен баламды алып да, таштап да кетпейм, ушул үйдүн босогосун кандай аттасам ошондой эле чыкпайм.

- Эмнеге, өмүр бою ушул жерде калат белең? - Айсулуу ормое карады.

- Куда, бүгүн жай отуруп конок болгула, сүйлөшөлү кеңешели куда, - деп Садыр аларга кайрылды, - Нурел турбайбы, дагы далай жолугушуп бет маңдай сүйлөшөбүз, Аида түбөлүк биерде калбайт, аны кармаганга акыбыз дагы жок, акыры убакыт келет.

- Макул эми, өзү билсин, өз тагдырын өзү чече турган куракка келди, - деп Айсулуу кызаңдай кызын карады, ошол кезде Кумар кабак бүркөй видик көрүп кулагын аларга салып угуп турду. Аида сыртка чыкканда кошо чыкты да:

- Аида, сен апаң менен ачык эле сүйлөшпөйсүңбү? - деди акырын.

- Кантип, алар дагы, сенин атаң дагы ошого макул болушаар бекен, ишенбей калдым, агасынын аялын иниси алат деген шумдукту угушса чалкасынан түшүшүшөт го?

- Түшүшпөйт, атама өзүм айтам.

- Качан, кантип айтасың?

- Ушинтип эле, азыр булар кетишсин, жай түшүндүрөм.

- Өзүң бил, азыр үйгө кир, - деп Аида күлүп Кумардын мурдун чымчып койду, - Бар эми.

- Сени жалгыз коркпосун деп жатпайынбы, - деп артынан бош кучактай кулагына шыбырап коюп кирип кетти.

- Жинди, - деп Аида күлмүңдөй кубанычтуу сүйлөнүп коюп ата-энесин сыйлап тамагын ортого алып келди. Бакылдашып сүйлөшүп отуруп кеч кетишти. Алар кеткенден кийин өз-өз бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты, түн бир оокумда Кумар акырын кирип жанына жатып калды:

- Мен күтө албайт окшойм Аида?

- Эмнеге?

- Чыдай албайм, жашырынып жүргөндөн тажадым, - деди аста өөп.

- Эл эмне дээр экен?

- Эмне демек эле?

- Агасы өлсө иниси аялын алып алды деп, уялып кетем ойлосом.

- Эмне болмок эле, акем өлдү, айлабыз жок, тирүү адамдарга жашоо керек эмеспи, анын үстүнө мен өзүм сүйүп калдым, атам каршы болбойт болуш керек, эжең эле мени жаман көрбөсө, жаш баланы азгырып алды деп, - Аида кайнисин сынай карады, - Элдин ушагына чыдай албай бир күнү качып жүрбө?

- Эч качан качпайм алтышка, сен эле мени агамдай көрбөй башкага кетип калсаңчы?

- Мен дагы эч жакка кетпейм, бала силердики, башка эл, бөлөк жерге алып барып түрткүнчүк кылганча ушул жерден өлсөм да жылбайм.

- Сүйлөштүк анда, мен сен үчүн, сен мен үчүн чыдайбыз ээ?

- Ооба чыдайбыз, - Экөө ыссык өбүшүп алышып акырын бөлүнүштү, андан ары өтүшкөн жок. Аида мурунтан эле Кумарды жакшы көрө турган, Шумкар аны бир көрүп ала качып алган, келген күндөн эле бирине-бири салкын болчу, эми ал өз тилегине жетүү үчүн бир гана баласы үчүн эмес өз бактысы үчүн дагы баарына кайыл болуп турду…

Асылай турмуш жолуна аттанганы өзүн бактылуу сезип, Бакайды өзүнчө сынай карап, өзүн чындап сүйөбү же жөн эле айтып жатабы деп ойлонуп жүрдү, Бакай чын жүрөгүнөн сүйөт, анткени сабактан келээри менен эле:

- Асылай сабактан келдиби? - дейт апасына.

- Ооба, келген балам, бүгүн эрте келди, кудагый көшөгөсүн алып келет экен, боорсок жасаганы жатабыз балам, союшка кетишти, - деп Баалы уулуна буларды айтып жатканда Асылай үйдөн чыга калды.

- Бакай, сен эми келдиңби?

- Ооба, - деп Асылайды көздөй басты, - Мени күтпөй баса берипсиң.

- Шашып калдым, Алтынай эжем университетке келиптир.

- Мейли, анда камыныш керек, ишиңди кыла бер, мен кийимимди алмаштырып алайын.

- Тамак ичесиңби?

- Азыр, даярдай бер.

- Бакай, апам алты киши барат деген, ошону апама айта албай жатам, сен айтып койчу, - деди кысына.

- Макул, айтып коем, анын эмнесине тартынасың, апам өзү канча киши келет экен деп сураган жокпу?

- Жок, сураган жок.

- Мейли азыр айтам, - деп Бакай төркү үйгө кирип кетти, Асылай Бакайдын тамагын даярдап дасторкон жайды, - Кардым жаман ачты, сени күтүп тура берипмин да.

- Мен айта албай калдым да, - деп экөө тамактанып алып жумушуна киришти, эки күн даярданып анан келээрин күтүп калышты. Салтанат таежесин, Алтынайды анан курбусу Акылайды, тайкесин аялы менен ээрчитип келген. Алты кишини ээрчитип келип септи кошо ала келгенин көргөндө кудалары тыпырап эле калды. Абдан жакшы келген экен, алар дагы жакшы тосуп алышып түнү бою коноктоп сүт акысына бир жылкы айтышты, кийиттин алдын кийгизип жөнөтүштү. Салтанат эки кызынан көңүлү тынгандан кийин анча-мынча "жигиттерин" үйүнө ээрчитип келе баштады. Ошол күнү бир көрүнүктүү адам менен отурган, ошол кезде телефон шыңгырап калды, ала койсо Болот.

- Алло Болот, менин үйүмдө конок бар эле, өзүң билесиң кызым турмушка чыккан, туугандарыбыз бар эле, кечир азыр жолуга албайм, - деди да трубканы коюп койду.

- Ал ким экен? - деди тиешеси болбосо дагы Денис Ахмедович.

- Таанышым, жолуксакпы дейт.

- Аа-а, сиздей белгилүү адамга жете албагандар көп болсо керек ээ Салтанат? - деп семиз денесин былкылдата күлүп, - Мен бактылуу экенмин ээ, жаныңызда отурган?

- Ошондой го? - Салтанат кылыктанып карап жанына отурду.

- Сизди сүйүп баратам Салтанат жан.

- Сиздин сүйүүңүзгө арзысам кандай бакыт?

- Арзыбаганда кандай, бир көргөндөн бери аялымды да көргүм келбей калды, - деп күлүп калды.

- Ырас айтасызбы Денис Ахмедович?

- Албетте ырас айтам, адамды алдоо оюмда дагы жок.

- Ишендим, - Кылыктуу күлүмсүрөдү, Денис Ахмедович аны кучактап алып төш чөнтөгүнөн алтын чынжырча алып чыкты:

- Бул сизге Салтанатжан, менден арзыбаган белек болсун.

- Рахмат, бул белегиңизди көтөрө алаар бекенмин?

- Көтөрөсүз, сиздин кадыр-баркыңыз үчүн дүйнө жүзүн кыдыртып келсем дейм, убакыттын жоктугу гана чиркин.

- Ушуга дагы шүгүрчүлүк.

- Келчи, бир жыттап алайын, - деп эңиле берди.

- Кое туруңуз эми, тамак даяр болуп калды, - Салтанат ашканасына кирип кетти, тамагын салыштырып алып келди, - Ашты сынап көрүңүзчү, ашканада кандай аял экенмин, - деди наздана.

- Кана көрөлүчү, Салтанатжандын тамагынан.

- Оңой эмесмин, даамын татып көрсөңүз дагы жегиңиз келгенде келе бере турган болосуз.

- Ох-хо, мына-мына, мындай даамды татып көрбөпмүн, - деп тамшана сугунуп жатты.

- Жактыбы сизге?

- Абдан жакты, - Денис Ахмедович Салтанатты колунан тартып өөп, - Бирок сиз ашкананын адамы эмессиз, сизге бир кол кабышчы керек экен, бул колдоруңуз комузда гана ойноп элдин. Кыргыздын күзгүсү болуп жүргөнүңүз дурус деп ойлойм, - деп кошоматтана кетти.

- Жо-ок, андайды мен каалабайм.

- Эмнеге?

- Аял деген аялдай болгону жакшы го, анын үстүнө өзүм жасабасам алымсынбайм, - деди Салтанат ойлуу.

- Сизге менин сунушум жакпадыбы, андай болсо кечирип кой Салтанатжан айым, сөзүмдү кайра алдым.

- Эчтеке эмес, капаланбаңыз, мен өзүмдү ойлонуп кеттим, алыңыз тамактан, кадырыңыз жан болсун, менден кам санабаңыз.

Салтанат чынында жалгыздыктын торуна түшкөнүн эми гана сезип өзүн ойлонуп жаткан: "Бүгүн бул, эртең дагы бирөө, анан… анан дагы бирөө, бир күнү жалгыз калам, анда кандай болот, жалгыздыктан корком, корком ошондон", - деп ойлонуп ал түнү Денис Ахмедович менен болду. Эртең менен машинасы келген кезде ал Салтанат менен коштошуп чыкканда аны Болот аңдып карап турду: "Эн-неңди, ушуга ишенген мен акмак, бул ар ким менен ойногонду жакшы көргөн накта сойкуну өзү тура, эмне кылсам экен, билмексен болуп кирсемби, же жөн эле кете берсемби", - деп ойлонуп көпкө машинасында отуруп анан Салтанатка кирди, эшигин такылдатканда кечигип анан:

- Ким бул? - деди эшикти ачпай туруп.

- Сакиш, бул мен Болот.

- Аа-а, - деди да ача салды, - Кайдан жүрөсүң эртелеп?

- Сени сагындым.

- Койсоңчу тамашаңды.

- Тамашасы жок эле, - Эңиле калып түнкү көйнөгүнөн көрүнүп турган көкүрөгүнө колун сойлотту, - Сагынып кеттим, сенчи жаным?

- Боло-от, - Салтанат көзүн жума ага боюн таштады, - Сен мени чын эле сүйөсүңбү айтчы?

- Жаным менен.

- Мен жалгыздыктан корком Болот.

- Сени мен эч качан жалгыз калтырбайм жаным, - Экөө кучакташа конок үйгө кирди.

- Мен жуунуп чыгайын, чай-пай ичели, - Салтанат ваннага кирип кетти, Болот спальныйды карады, эки кишинин жатканы билинип турат, конок бөлмөсүндө тамак аш ошол бойдон жайнап турат, баарына көз жүгүртүп анан: "Дагы бир көрөйүн, аялдын "эмесинин" түбүнө жеткен ким бар, эгерде дагы мени алдап башка менен боло турган болсо биротоло кетем, менин ыгым менен болсо анда аны менен калам", - деп ойлонуп бөлмөдө басып жүрдү, Салтанат көпкө жуунду, а балким ал турмуш жолун тазаланып алып анан баштаганы жаткандыр, өмүрлүк жубай болоор адамына өткөн-кеткен күнөөлөрүнөн арылып, суу менен тазартып анан өмүрүн кызык учуру менен коштошуп туруп аттанганы жаткандыр. Кыскасы көптөн кийин гана чыгып келип ашканага кирип чай коюп, конок үйдөгү үстөл үстүн тазалап, идиштерин жууп кайра даярдады.

- Сергип чыгышың менен, - деди Болот бетинен өөп, - Бүгүн үйдөсүңбү?

- Сенин эркиңдемин, - Күлүп койду.

- Күткөн эч ким жокпу? - Жылмая жооп күтүп калды.

- Чакырышы мүмкүн бирок күткөн адам жок.

- Анда, мындан кийинки чакырыктарга күйөөм бар деп айта аласыңбы? - Сынай күлүмсүрөп карады.

- Энчилеп алсаң.

- Албетте, энчилеп алам.

- Анда сөзсүз сиз, - деп согот жүрөгүм.

- Болуптур анда, убакытты созуунун кереги жок.

- Колдойм, кел эми чай ичели, карышкырдай жутунуп ачка болуп кеттим, тамак ичеличи, - деди Болотту күлүмсүрөй карап.

- Ичсе ичели, - Отургучка отуруп чыныны алып ууртап жатып көзүнүн төбөсү менен карап коюп жатты, Салтанат аны байкамаксан болуп тамак куюп алдына коюп, дилгирлик менен жасап жатты.

- Болот, биз үйлөнсөк тигил үйгө көчөлү ээ?

- Жарайт, сен кандай десең ошол да айым.

- Кыздар өз ордун таап, барган жеринен тынып калса болду, эми мен өз тагдырымды сага тапшырдым Болот, мени жалгыз калтырба.

- Эч качан жалгыз калтырбайм.

- Ишенем, сага ишенем Болот, - Жылмая карап чайдан ууртап тамактан ичип экөө көпкө сүйлөшүштү, ошондон тартып Салтанат телефондогу чалууларга жооп бербей, болгону ал жок деп коюп жүрдү, арадан он чакты күн өткөндө экөөнүн жакындары болуп чакан той кылып нике кыйдырып баш кошуп алышты, Алтынай менен Асылай күйөөлөрү менен келип кубаттап, куттукташты. Анткени алар өз жашоолору өзү менен болоорун, элүүгө чыга элек жапжаш апасын жалгыз калышы өздөрүн тынчсыздантаарын түшүнүп апасына ыраазылык берип кубанып калышты. Болот Салтанат экөө баш кошкондон эки-үч күн өткөндө особнякка көчүп кетишти, үч бөлмө үйүн ал эки кызына кеңешип туруп Бакай менен Асылайга беришти. Алар ага көчүп келип алышып өз жашоосун өткөрө баштады. Бакай иштеп баштады, Асылай каникулда, кечке зеригип үйдө жалгыз калып курбусу Надира эсине келип анын үйүнө телефон чалды.

- Надира, мен зеригип жатам, бош болсоң келип кет.

- Мен азыр бош эмесмин, биз аздан кийин чыгам.

- Макул, келип калчы курбум, тез ээ? - деп трубканы коюп койду да телевизор коюп, анан муздаткычтан ак суу алып келип ичип отуруп уктап кетти, эшик чыр эткенде ойгонсо саат беш болуп калыптыр, шашылып эшикти ача койду эле гүлдү бетине кармап Бакай турган экен.

- Бака-ай! - деп эркелей мойнуна асылды, - Жаман зеригип кеттим.

- Эчтеке эмес, окууң бүтсө сен дагы иштейсиң, анан зерикпей каласың, менин кичинекейим десе, - деп көтөрүп алып ичке кирди.

- Ишиң кандай?

- Эң сонун.

- Мм, Бакай ал жерде кыздар барбы? - деди Асылай күйөөсүн кызганычтуу карап, - Сени менен кыздар дагы иштешеби?

- Ооба, врач - медсестралар бар, эмнеге сурадың?

- Аа-а, алар сени менен түштөнүшөбү?

- Албетте, кээде чогуу, кээде өз-өзүнчө кетишет.

- А сен аларды сүйүп калбайсыңбы?

- Эмне дейсиң? - Бакай келинчегине күлө карап каткырып ийди, - Сүйүп дейсиңби?

- Эмне экен, сүйүп калып мени таштап кетсеңчи? - Тултуя карады, - Мен сени кечке ойлоп кызгана берем.

- Чымчыгым десе, сенин кызганганың ого бетер сүйдүрүп ишимде алагды болом го? - деп келинчегин кучактап алып көпкө турду, - Сени эч качан таштабай калайын, сенсиз мен өзүмдү элестете албайм, биз асмандагы ай менен жылдыздайбыз, бирин-бири толуктап турган, сен айсың балбылдаган, а мен сенин жаныңдагы чолпон жылдызмын, экөө бири-бирине кандай жарашат, биз ошол ай менен баркырак жылдыздай өмүрүбүздүн акырына чейин бирге жанашып жүрүп өтөбүз жаным…

- Бакай, мен сени аябай сүйөм, кечке жалгыз отуруу кандай жаман?

- Асылай, сага үй кызматчы жалдасак кантет, зерикпейсиң дагы, сага жардам берет.

- Ой койчу, апам жалдаганды жаман көрчү.

- Анда Райканды алып келип алалы, - Бакай карындашын айтты, ал он жашта, үчүнчү класста окуйт.

- Апам макул болобу?

- Эмнеге, окуусу башталганча сени менен болот.

- Макул анда, - Асылай кубанып кетти.

- Анда азыр барып алып келебиз, кечки тамакты ошол үйдөн ичебиз макулбу жаным?

- Кеттик анда, - деп Асылай айтаары менен экөө үйдөн чыгышты. Бат эле Ак-Өргөөгө жөнөштү, алар кеткенден кийин Надира келип эшикти такылдатып туруп-туруп кетти. Баалы абдан жакшы аял, Бакайдын атасы Анарбек майда кызматтарда иштеп жүрүп пенсияга чыккан, Баалы экөө бирге жашаганына кырк жылдан ашты, бирок бири-бирине жаман айтышкан эмес, Бакай бешинчи баласы, калганы үйлөнүп жайланып кеткен. Райкан улуу баласынын кызы, кичинесинен багып алышкан. Бакайлар келгенде жаңы эле тамакка отурушкан.

- Кандайсыздар ата? - Бакай ата-энеси менен учурашып орунга отура кетти, Асылай дагы баш ийкеп анын жанына отурду.

- Келгиле балдар, ишиңер кандай, жашоо кандай? - Анарбек уулун карады.

- Баары жакшы ата.

- Тамак алып келейин, - деп Баалы турганда Асылай.

- Сиз отура бериңиз, мен эле алып келем, - деп шыпылдай ашканага кирип Бакай экөөнө алып келди.

- Отура берсең болот эле кызым, али казандан тажай элекмин, - деп Баалы күлүп калды, ал жаңы келинин бөлгүсү келген эмес, кудагыйын сыйлап унчукпай калган.

- Апа, сизди жумшап кантип отурмак элем?

- Мейли айланайын, мени сыйласаң сени кудай сыйласын.

- Кандай туруп жатасыңар?

- Жакшы эле, апа Райканды бизге бербейсиздерби, Асылай үйдө жалгыз калып жатат.

- Көнөөр бекен, бекер эле бөлүндүңөр балам, үй кенен, ишиңе барчу машинаң бар, биерде эле болгонуңар жакшы эле балам, - деп Баалы саал капа болгондой.

- А мен сизге кошулам, бөлүнгүм келген эмес, - деди Асылай.

- Эми апам болбой койбодубу, барбай койсок таарынып калсачы апа? - деди Бакай.

- Мейли эми, жашай бергиле, өзүңөргө тынч болсо болду.

- Апа Райканды алып кете берелиби?

- Мейи, өзүнөн сурачы барат бекен.

- Менин баргым келет, жеңем менен болом, - деди Райкан секире.

- Бара гой кызым, - деп башын ийкеди Баалы.

- Бара гой, кийинип чык, азыр кетебиз, - деди Бакай, аздан кийин алар жолдо болушту, Райкан ага-жеңеси менен такылдап сүйлөшүп келе жатты.

- Жеңе, мени площадга алып барасызбы?

- Макул.

- Бакай байке, сиз биз менен барбайсызбы?

- Жок, колум бошобойт сулуу кыз.

- Эмнеге, дем алыш болбойбу?

- Болот, ошондо чогуу барабыз.

- Каруселге түшүрөсүзбү?

- Албетте.

- Анда мен силер менен калам, а силерге жакын мектеп барбы байке?

- Бар, кааласаң окутуп коем.

- Ур-ре мен сөзсүз биякка окуйм анда, майрамдарда ойнойбуз ээ? Мени атамдар да-айым площадга алып барчу да, анан алар Россияга кетип калбадыбы, чоң апам көп алып барбайт да, - дегенде Бакай менен Асылай күлүп калышты…

Батырбек менен Айжамал ынтымактуу жашап жатышты, күндө жумушуна барып кайра эрте келет, Батырбек тачка түртүп кечке иштеп кечинде чарчап келгенде тамагы даяр, кийими жуулуу болуп оңуп калды, мурдагыдай жашырынып отурбайт, тапканы жакшы, Айжамал ага тамак берип отуруп:

- Батыр, сыйкырчыдай болгон аке кайда жоголуп кетти? - деди.

- Билбейм, кантсе дагы мага жолукту да.

- Жүргөнү сырдуу киши экен, өзүнчө сүйлөнгөнүн уктум.

- Сүйлөсө сүйлөйт да, жашы улуу киши болсо…

- Бир жолу түндөсү сүйлөп жатыптыр, эмне деп дебейсиңби? - Күлүп күйөөсүнө кайрылды:

- Эмне деп сүйлөдү?

- Анын үнүнөн чоочуп ойгонуп кеттим, башымды көтөрүп тыңшап турсам. "Кечир мени Айдай, кечир, ансыз дагы жазамды тартып жатам, кечир мени, балдарым үчүн сенден кечирим сурайм", - дегенин угуп аялынан качып жүрсө керек деп ойлоп калдым.

- Койсоңчу, кайдагыны айта бербей, ар бир адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнүн кереги жок жаным, ал киши биз үчүн кыдыр атадай эле болду, бизди бириктирди, - деп Батырбек аялын тыйды.

- Мейли эми, сен үчүн тим эле кыдыр ата болуптур, - деп Айжамал күлүмсүрөй Батырбекти сырдуу карады, - Мен сага бир жакшы кабар айтсам сүйүнчү бересиңби?

- Ошондой эле жакшы кабар болсо берейин.

- Биз балалуу болобуз.

- Койчу? - Батырбек кубанычтуу күлүңдөдү, - Чын элеби?

- Ооба, кечээ врачка көрүнсөм үч-төрт жума болуптур.

- Куттуктайм, сөзсүз сүйүнчүсү болот, - деп Айжамалды кучактап өөп жатты, - Менин сүйүүмдүн данеги өнүп жаткан экен да?

- Албетте, сенин эмес, экөөбүздүн данегибиз өнүп жатат.

- Ооба, биздин сүйүүбүздүн данеги, буйруса келээрки жылы бул убакта үйүбүздө ыңаалаган баланын үнү жаңырып калат, - деп эки жаш кубанып жатышты. Ошондон баштап Батырбек аялын аяп турчу болду, анча-мынчаны өзү жасай коюп, тамактын түрүн жасап, витаминдүү тамак аш менен азыктандырып калды. Айжамал эми гана бакыттын жеткен чеги байлык менен максап эмес экенин, чындап сүйгөн адамыңдын кадырына жетүү экенин, бир күнү Айжамалдын өгөй апасы Бермет келип калды. Ал жашоолорун, эки жагын көрүп Батырбек чыгып кеткенде:

- Иий шерменде, керилген кызматчынын катыны болуп эле жашай бербейт белең, шелпейип кайра өз эриңе келип албай, ата-энесинин колунда жок, итке минген кедей экенин көрбөдүң беле, өмүр бою өзүң иштеп жарыбай жүрүп өткүң келдиби? - деди ызырына, - Жадагалса алдыбызга түшпөдү.

- Апа коюңузчу, Ашымдын кызматы болгон менен адамгерчилиги жок экен такыр, акыры жашай турган болгондон кийин түшпөсө да жашайм апа.

- Адамгерчилик деп, сага заңгыраган үйдө жээриңди жеп, кийээриңди кийип жашаган жакпаса өлүп кет, жашайм деп карасаң тим эле…

- Эмнеге антесиз, Батыр абдан жакшы, кандын коюнунда калтырап жашаганча, кул коюнунда кутур деген сөз чын экен да, - деди акырын үн чыгарып.

- Кутуруп кулжугачтай төшөктө курушуп жат, өлүгүңдү көрөйүн жетесиз десе, сенин акылсыздыгың болбосо тынч гана ханышадай өмүр сүрбөйт белең, шелпейген немени кайра бучкактабай, - деп жинденип жатты.

- Апа, Батыр келе жатат, болду эми.

- Эмне ал сени коркутуп алганбы, эмне эле бүрүшөсүң? - Силкине карады, - Ушундан көрө Ашым менен эле жашасаң болбойт беле акылсызым.

- Жетишет, менин жашоомо киришпеңиз, бул менин өз тагдырым.

- Айжамал, - деп Батырбек кирип келди, - Мен базарга барып келейин.

- Тим кой айланайын, убара болбогула, мен эми эле кетем.

- Кой отуруңуз, мен базардан эт-аш алып келейин, - деп Батырбек Айжамалдан акча алды да чыгып кетти.

- Ыкы, жыргаган турбайсыңбы, өз ырыскыңды тээп, муздаткычта турчу тамак аштар, кааласаң каалагандай суусундук, жегиң келсе койдун эти, аны тансаң тооктун эти, ушулар сени тепкен тура, эми иштеген айлыгыңды бир креслого жумшап, ошону багып, керек боло калганда чүмчүңдөп базарга жүгүрүп жыргап калган тубайсыңарбы?

- Жетишет апа, мен эч качан куурабайм, Батырбек экөөбүз бактылуубуз, мени кыйнабай сиңдиңе кетип калчу? - деди ачуусу келген Айжамал, - Барыңыз, мени шылдыңдап-шакабалап барыңыз.

- Эй башы жок, билсең сени бактылуу болсо экен деген эле тилегим, - деп купшуңдай башын ары бурду, - Атаң көрүп-билип кел дегенинен эле келгемин, сени эле көрөйүн деп туруптурмунбу?

- Анда атама мени өлүптүр, - деп айта бараңыз! - деп ордунан туруп сыртка чыгып кетти: "Өз энем болгондо минтмек эмес, менин бактылуу болушумду гана ойломок, кетсе кете берсин", - деп эшикке отуруп алды. Бермет аны күтүп отуруп-отуруп анан кетип калды, үйдүн артында отурган Айжамал анын кетип жатканын көрүп турду токтоткон жок: "Өгөй болсо дагы сыйлап, апа дегенден башка сөз айтпадым, эми өлүп кетсин үйгө киргизбейм", - деп ичке кирип ойлонуп отурганда Батырбек кирди:

- Апам кана?

- Кетип калды.

- Эмнеге? - деп Айжамалдын ыйлаганын көрүп жанына келди, - Сага эмне болду, ыйлагансың го?

- Ооба, өз энем болсо менин бактылуу болушумду гана кааламак.

- Бирдеме дедиби?

- Ал дайым ошентет, өзүбүзчө ыркыбыз жок.

- Мейли эми капаланба, эне деген урушат, тилдейт, андан эчтеке болбойбуз, баса Айжамал, эки күндөн кийин айылга барып келели, атамдар күтүп жүргөндүр, экөөбүздүн ажырап кайра кошулганыбызды алар билбесин, эч нерсе болбогондой барабыз, - деди Батырбек.

- Макул, барса-барып келели, белек-бечкек алып алалы ээ? - деп Айжамал күлүп-жайнап чын дилинен айтты. Экөө тамак жасап ичип анан ал күнү жатып калышты, эртеси Батырбек ата-энесине бир сыйра кийим-кечени колунан келишинче алды, Айжамал дагы айлыгын кошуп берди, экөө эртеси эле өз айылына жөнөп кечке маал жетип калышты. Бообек менен Сайрагүл аларды кубана тосуп алышты.

- Балам, бир кетсең дайының билинбей кетесиң, жок дегенде келип турсаңар боло, - деди Сайрагүл капалуу.

- Апа, иштен кол бошобойт, Айжамал экөөбүз тырышып үй алдык, анан силерге учурашып келели деп келдик.

- Аныңар жакшы экен балам, Талантбек болсо мектепти бүтүп бада алып багып жатат, ошондон бери бир аз тыңып калдык балам, өлүм житими болбосо мал баккан деле жакшы экен.

- Жакшы болуптур апа, менин дагы жардам берээр шартым болбой жатпайбы, - деди Батырбек. Бообек менен Канатбек бир козусун сое салып уул-келинин коноктоду, алып келгендерине ыраазы болуп бата беришти, эртеси Батырбек өзү дүкөндөн кант-чай, мүшөктөп ун алып берди да шаарга кайтышаарда Канатбекти ала кетип үйүн көрсөтүп үч-төрт күн алардыкында болуп анан кетти, анткени баданы Талантбек экөө карашат эмеспи, жаз алды менен айдап кетип күзгө чейин кайтарып келип акысын чогуу алышып мал-жан күтө башташкан. Батырбек эки инисине абдан ыраазы болду, өзүнө окшоп шаарга баса бербей ата-энесине жардам бергенине: "Мен деле ошондо айылда кала бергенимде бутка турмак экенмин, ата-энем үчүн эч нерсе жасабадым, ал тургай аларды сары санаа кылып азапка салдым, эми мындан ары жардам беремин, инилериме баш көз болушум керек", - деген ойго келди Батырбек. Айжамал ишине барып келип ичи чоңойгон сайын кыйнала баштады, акыры декретке чыкты да үйдө болуп калды, төрөөргө аз калганда Батырбек балага керектүүнүн баарын алды, аны көрүп Айжамал:

- Батыр, эрте алып койгон болчу эмес эле, илгеркилерден укканым бар, бала төрөлмөйүнчө эчтеке албайт деп.

- Коркпо жаным, жаштын тилегин берет дешет го, буйруса уулубуз манежде жатат, жел бешикте ойнойт, - деп күлүп койду Батырбек, алар уул болоорун УЗИден көрүшкөн, бирок УЗИ да бирде жаңылат окшобойбу, бир уул эмес эки уулду эгиз төрөдү Айжамал. Батырбектин кубанычында чек жок, төрөгөн күнү базардан толгон гүл алып барып:

- Айжама-ал, мен сени сүйө-өм! - деп кыйкырганда төрөтканада төрөп жаткандардын баары суктанышты, бир гана келин томсоруп терезеде карап турду, бул Малика деген он алтыдагы кыз эле, уул төрөгөнү менен жашырынып, ошол убакта төрөтканага таштамак болуп жаткан эле.

- Сиз абдан бактылуу экенсиз, - деди ал Айжамалга, - Күйөөңүз сизди аябай сүйөт экен ээ?

- Ооба, аябай сүйөт, бирок, Айжамал кабак бүркөй калды.

- Эмнеге бирок, күйөөңүздө күмөнүңүз барбы?

- Жо-ок ай, балдарына карап кетип мени сүйбөй калабы деп корком.

- Ай-ий, балдарыңыздан кызганып жатасызбы? - Баятан бери томсоруп турган Маликанын маңдайы жарк этип ачылып кетти, - Балдарыңызды сүйгөнү сизди андан дагы катуу сүйгөнү эмеспи, кээ бирөөлөр балалуу болоорун айтсаң чычая качып куйругун карматпай кетет.

- Чын эле, - Айжамал эки уулун карап жылмайып алды, Батырбек күндө үч маал келсе үчөөндө тең гүл көтөрүп келет, бир күнү эртең чыгам дегенин угуп бечара жоро-жолдошторун издеп эптеп камера таап, апасы менен карындаштары, Бермет менен атасы болуп төрөтканадан чыгарып камерага тартылып анан унааны жасап, эки баланы кудагыйлар көтөрүп туруп тартылып унаага түшүп үйүнө келишти. Ошентип эгиз уулду болуп Бообек берип ийген койду союп наристеге ат коюлду, наристелердин атын илгертеден дастанга айланып эл ичинде аты өчпөй келе жаткан Жаныш-Байыш деп коюшту. Улуусу Жаныш, кичүүсү Байыш деп аталды. Дал ошол күнү атайылап чакырылбаса дагы Садыр келип калып бул жакшылыкты чын дилинен куттуктады.

- Уулдуу болгонуңарды билбедим Батыр, сени ушул жерде жашайт деп угуп калып эле кайрылдым эле.

- Эчтеке эмес Садыр аке, кандай жумуш менен келдиңиз эле?

- Жай, айылдык коңшумдун жакын шаарда турганы мени кубантты да, көргүм келди, - деп Садыр күлүмсүрөдү, Батырбек анын көздөрүнөн өзү көргөн мээримдүү көздү көрдү да тилин жутуп алгандай унчукпай калды.

- Батыр, кир де Садырды, - деди Сайрагүл ар жактан үн салып, - Даам ооз тийсин.

- Азыр апа, - деп Батырбек Садырга кайрылды, - Кириңиз Садыр аке, даам татыңыз, жээнтектен ооз тийиңиз.

- Кирейин иним, - деп Садыр ичкери кирди, отургандар ага төрдөн орун беришти, - Рахмат, - деп отуруп калды. Жаныш менен Байыштын урматына жакшы сөздөр, каалоо тилектер айтылып бакылдашып, жубайлар ушул күнкү бактысына ыраазы болуп турушту. Ымыркайлар бири манежде, бири жел бешикте быпыйып уктап жатышты, алар жарыктыкка жаңы гана келип, жашоо деген эң жооптуу да, татаал да кыйын өмүрдүн табышмактуу кемесине түшкөнүн али сезбеген наристелер. Аларды азыр алпештеген ата-энеси үйрүлүп түшүп сонуркап кубанычтуу маанайда биринен-бирин айрымалай албай улам бирин ала коюп көтөрүп эбедейлери эзилип турган кездери. Батырбек эми иштебесе болбой турган болду, эки бала үчүн азык алыш керек күндө сүт, памперс алганга канчалаган акчалар сарп болоору белгилүү го. Батырбек бир карындашын алып келмек болду эле экинчиси дагы атаандашып туруп алды эле Сайрагүл.

- Андай болсо экөөңөр тең баргыла, - деди.

- Сиз кыйналасыз го апа? - деди Батырбек.

- Мен кыйналбайм, неберелеримди аман-эсен чоңойтуп алсак ошол да мага кубат балам, алар биздин эң биринчи неберебиз, - деди уулуна жылмая карап.

- Рахмат апа, - Батырбек апасын эки бетинен өөп алды да Самара менен Тамараны алып кетти, эки бала менен кыйналып отурган Айжамал аябай кубанды, кыздар келип эле наристелерди бөлүштүрүп баштады.

- Мен Байышты алам.

- А мен Жанышты карайм.

- А мен эмне кылам? - деп күлүп калды Айжамал.

- Сиз бизге повар болосуз, - деди Самара күлүп.

- Жарайт-жарайт, силер айткандай эле болсун, - деп Айжамал алардын айтканына макул болду. Балдар абдан жоош, анан калса бири ойгонгондо сөзсүз бири кошо ойгонот, ыйласа бирдей ыйлайт. Самара менен Тамара балдарды уктаганда гана жаткырбаса колдорунан түшүрбөйт, бирок алардын окуй турган убактысы да келип калды, Батырбек бир күнү аларга минтти.

- Эми кандай кылабыз, мен мектепке сүйлөшөйүнбү?

- Атамдар макул болсо окуйбуз да.

- Атамдар го макул болот, өзүңөр кандай дейсиңер?

- Мен биякта калып окуйм, - деди онунчу класста окуй турган Самара.

- Мен деле, - деди Тамара, ошентип аларды мектепке киргизип, кийим-кечесин алып берип окутуп коюшту. Самара эртең менен Тамара түштөн кийин окуйт, бири жокто бири карап балдар үч ай болуп күлүшүп калган. Тачка түртүп жаны тынбай, эрте кетип кеч келип Батырбекке өтө кыйын болду, анын үстүнө: "Бир тоокко дагы жем керек", - дегендей үч-төрт жанды, эки жаш баланы багуу өтө кыйынга туруп каржалып арыктап кеткен. Бир күнү кеч кайткан Батырбекти унаадан түшүп үйүнө жөнөгөндө жолунан беш-алты бала чыгып жолун тосуп калды.

- Тамеки берчи, - деди бири.

- Мен чекпейм.

- Күкүрт берчи.

- Ал да жок, - Батырбек өтүп кетмек болгондо бири аны бутунан чалып түртүп ийди.

- Үйрөтүп койгулачы, эмкиде бар дегендей болсун, - деди бири ары кетип баратып, Батырбек алардан жакшы айтып эптеп кутулуп кетем дегендей ойдо болду:

- Тууган, мындайдын эмне кереги бар, мен өзү чекпейм башынан, - деди аларга жай түшүндүрмөк болуп.

- Жаагын жаап койгула! - деди жанагы неме ар жактан.

- Жарайт, - деди да аны үчөө-төртөө тепкилеп кирди.

- Балдар, мен эчтеке кылганым жок го, урбагыла мени, кайсы күнөөм үчүн? - деп башын калкалап жатты Батырбек чырылдап жатты, ызы-чууну сыртка чыкккан Айжамал укту, бирок ал Батырбекти уруп сабап жатканын кайдан билсин, күндөгүдөй эле ызы-чуудай көрүп үйгө кирип кетти.

- Тинткиле! - деди анан бири, - Сулк жаткан Батырбектин ички-тышкы чөнтөктөрүн тинтип болгон акчасын алышты да ар бири топ тепкендей тээп коюп жолуна түшүштү. Батырбек эч нерсе билбей жатып калды. Айжамал түнү бою кирпик какпай күтүп жатып: "Ага эмне болду, кечикчү эмес эле, же бирөөгө жолугуп калдыбы, эки бала менен мени мындай абалда таштап кетпес, эмнеге кечикти, неге келбей калды", - деп ойлонуп таңга маал жарыша ойгонгон наристелерин которуп, эмгизип анан кайра жатып көзү илинип кетти, ал ошол аз мүнөттүн ортосунда түш көрдү, түшүндө Батырбек эки баласын көздөй жүгүрүп кел жатып эле өздөрүнө жетпей чуңкурга түшүп кетти, жүгүрүп барып Айжамал колунан тартайын десе ал: "Мен чыга албай жатам колуңду тарта бер, мен чыга албайм Айжамал, балдарды жакшылап карай бер, бар эми", - деп болбой койгондо колун тартып алса эле баягы чуңкур түптүз жер болуп калат. "Батырбек кайдасың?", - деп кыйкырып ойгонуп кетти. Чоочуп ойгонду, Самара сабакка даярданып жаткан экен, ал чыгып баратып:

- Жеңе, акем келген жокпу? - деди.

- Жок келген жок.

- Эмнеге келбей алды ал?

- Билбейм, жумушу чыгып калган го?

- Макул, мен кеттим жеңе, - деди да чыгып кетти. Айжамал көргөн түшүн эстегенде бүткөн бою дүр этип кетип аябай жаман болуп жатты. Эми үйдү шыпырып, жыйып чай ичкени жатышкан, эшиктен эки милиция кирип келди:

- Силердин корооңордун этегинде бирөө өлүптүр, тааныбайсыңарбы? - деди бири.

- Билбейм, ким экен ал?

- Ким экени белгисиз, жанында документти жок, чыгып көргүлөчү, - деп чыгып кетишти, Айжамалдын бүткөн бою калчылдап таңга маалкы көргөн түшү көз алдынан кетпей алардын артынан чыкты. Элдер чогулуп калышыптыр, өзүн араң кармап жакындаганда эле кийиминен таанып баса албай тушалып баратып көзү караңгылай жыгылып түштү. Көрсө Батырбек келтек жеген жеринен сүйрөлүп эптеп келген экен, оозунан кан чыгып калыптыр, көк боору жарылып кеткен дешти врачтар, ал эми зөөкүрлөрдү эки күндөн кийин эле табышты. Ошентип жанталашып үй-бүлөө багам, ак эмгек менен жан багам деп кара жанын карч уруп турмуштун ысык-суугуна чыдап, жашоодон көптү үмүт этип, өмүрдүн кызык убагын жалаң мээнет менен өткөргөн отуз төрттөгү жигит зөөкүрлөрдүн колунан каза тапты, али эч нерсени сезе элек, энесинин эмчегин эмгенден башканы сезе элек наристелер атасыз калды, боздоп ыйлап ата-эне, бир тууган менен алган жары калды. Бообек келинин айылдан кетирбеди, качан гана балдар чоңойгондо кетесиң деп койду. Айжамал эми гана өзүн сүйгөн адамына ишенип жан дили менен берилип жашай баштаганда Батырбектин өлгөнү катуу тийди. Сайрагүл баласына кайгырып жүрүп эчтекеге көңүл бурбай, неберелерине да карабай өзү менен өзү болуп калганда Бообек коркконунан врачка көрсөтүп нервге доо кеткенин билип ооруканага жаткырды. Айжамал эки уулу менен алек, Самара менен Тамара жардамдашып карап турат, ал тагдырына көнүп эки баласынын өмүрүн тилеп калды…

Садыр жаны жай алып баарынан да азаптан кутулганына кубанып, балдарынын маңдайында жай гана өмүр сүрүүгө бел байлап келинине кеңешмек болду, кечинде Кумар экөө жумуштан келгенде тамагын кыра сөз баштады, күндүзү Даткайымды чакыртып алган.

- Аида, - деди Садыр чогуу отурганда, - Сага биз ыраазыбыз балам, Шумкардын өлгөнүнө эки жарым жыл болуп калды, сен бизди сыйлап отурасың, сени кудай сыйлап жолуңду ачсын, кудалар капа болушпасын, эми сенин башыңды азат кылабыз балам, - деп крагылдана үнүн чыгарды.

- Ата, - деди Кумар, ошондо дасторкон четинде отурган Аида чыгып кетти, - Ата, Аида кетпейт!

- Эмне? - Садыр баласын ормое түшүнө бербей карап калды.

- Ата, ата биз…

- Эмне дегени турасың айтпайсыңбы балам?

- Ата, биз Аида экөөбүз… - Кумар жер карап тердеп кетти.

- Балам, сенин оюңду түшүндүм, бирок..

- Эмне бирок ата? - деди кайра Кумар.

- Сен жинди болдуңбу балам? - Ормое ачуулуу карады, Даткайым күлкүсү келип инисин карады:

- Сен эмне дегениңди билесиңби деги?

- Билем эле, баарын түшүнөм, силер каршы болсоңор анда мен Аида кеткен жакка кошо кетем! - деп сыртка чыга жөнөдү.

- Кумар, токто Кумар! - деп Садыр артынан чыкты, Даткайым да, Умар экөө тең кошо чыкты, Аида ашкана бөлмөдө ыйлап жатты, - Кумар, кир үйгө балам, - Садыр өзү коркуп кетти, - Балам жай сүйлөшлүчү.

- Кумар, кирбейсиңби үйгө, - деди Даткайым артынан ээрчий.

- Кел балам, үйгө кирип сүйлөшөлү, - деп Садыр жоошута акырын айтканда Кумар кайра бери басып үйгө кирип кетти, Даткайым Аиданын үстүнө кирди, ал бетин басып ыйлап отурган.

- Жеңе, Кумар экөөңөр эмне болуп жатасыңар?

- Мен эмес, Кумар өзү мени кетирбей жатат.

- Койчу калп айтпай жеңе, жаш баланы азгырганың болбойт да.

- Айттым го, өзү эле…

- Макул, үйгө кир, чогуу чечебиз, сенин айыңдан бир тууганымдан айрылгым келбейт, ал ошондой эле сени кетиргиси келбесе көрөбүз, - деп аны болбой үйгө алып кирди.

- Отур балам, - деди Садыр кабак түйө, - Кана, кимиңер сүйлөйсүңөр? - деп экөөнү алмак-салмак карап калды, мындайды күтпөгөнгө өзү эмне кылаарын билбей отурган, - Болоор жерин угайын, оюнчук эмес, терең ойлонуп анан чече тургандай болгула.

- Ата, мени кечириңиз, - деди Кумар, баары аны карап калышты, - Мен Шумкар акемдин баласыа ата болом, өзүм тарбиялайм, Аидага үйлөнөм, - дегенде эч кимиси үндөбөй калды, - Биз сүйлөшүп алганбыз, сиздер уруксат берсеңиздер эле болду, - деди башын жерге сала, Аида болсо башын жерге салып ыйлап жатты.

- Эл эмне дейт ата, кыз түгөнүп калгансып, акесинин аялына үйлөнүп алса эмне болот, деги ушундай болобу ата? - деди Даткайым күйүп быша.

- Болду кызым, тууган урук менен кеңешейин, кандай болоорун ошондо көрөбүз, чечебиз, - деди ойлуу Садыр.

- Ата, мен өз оюмду айттым, баары бир Аидага үйлөнөм, - деп Кумар баса айтты эле Садыр Аидага кайрылды:

- Балам, кана өзүң айтчы, сен макулсуңбу?

- Ата, ал уялып жатат, - деди Кумар.

- Болду, өзү жооп берсин.

- Ата, - деди Аида өйдө карабай туруп, алдында Нурел ойноп отурган, - Мен ушул үйгө бармактайымда келдим, Шумкардын баласын башкага кор кылгым келбейт, таштап да кете албайм, мени кечириңиз ата, Кумардын айтканы чын, - деди бир калыпта. - Мен мындай болоорун өзүм билбегемин, жөн гана балам үчүн ушул үйдөн картаюга даяр элем…

Садыр менен Даткайым бири-бирин карап унчукпай отуруп калды, Кумар дагы үнсүз, ал күнү унчукпай тамактанып жатып калды Садырдан уйку качты: "Бул эмне деген жазаң жараткан, эл эмне дейт, бир баламдын аялын бир балам алам дегени эмнеси, туугандарга кеңеш салайын, апасы мен силерден калып азап тарттым, балдарымдын көйгөйүн чечүү мага өтө кыйынга туруп жатат, Гүлайым мени бир балээден куткар, эл налаа кылбас бекен, катуу айтсам балам бирдеме болобу деп корком", - деп ойлонуп жүрүп кеч кирип жатты. Эртеси туугандарын чакырып чай коюп жай отуруп сөз баштады.

- Туугандар, бизде бир машакаттуу, түйшүктүү окуя болуп калды, мен элден анча-мынча угуп билип жүргөн элем, бирок силер кандай деп ойлойсуңар билбейм, - деп саамга отуруп калды, эч ким үндөбөдү, кайра үнүн жасап сөзүн улады, - Менин баламдын капыстан көзү өтүп келиним үйдө экенин билесиңер, уулум Кумар ошол жеңесине үйлөнсө болобу? - деди да баарын кыдырата карады.

- Бул илгертен болуп келген, жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, ошондуктан андай болсо салтта бар, боло берет, - деди жакын тууганы Аалыбай.

- Туура, жакшы эле болот, бири-бирине туура келишсе.

- Жакшы болот, бул шариятта деле бар, - дешти баары бирдей.

- Рахмат туугандарым, силерге ыраазымын, анда балдарга уруксат берсем болот экен да?

- Болот, эч күнөөсү жок, үйлөнтүп кое бер.

- Болуптур, мен силерге ыраазымын, келип кеңеш бергениңерге рахмат, - деп баарына ыраазылык билдирди Садыр, ар кимиси ар кандай болумуштарды айтып жатып анан тарашты, ошондон бир-эки жума өтүп өтпөй эле Кумар менен Аиданы үйлөнтүп койду, Даткайым жеңесине жини келип калды, бирок атасынан айбыгып эчтеке дей албады, элдин бир даары туура көрдү, бир даары туура эмес дешти. Садыр өз ичинен: "Арга жок, агасынын төшөгүн иниси тебелегени болбоду, кудай кечирсин, бирдеме десем кызуу кандуу неме бирдин ичинен чыгып жүрбөсүн, айла канча, неберем турат", - деп ойлонуп балдарынын амандыгын тилеп ойлуу отурду, ал өмүрүнүн өткөн барактарынын саргайган бетин улам жаап коюп эсине түшкөнүнө жүрөгү зыркырап ойлуу отуруп калды…

Салтанат турмушка чыкканы үйдөн чыкпай дагы калды, Болот жумушуна барып келет, алар кыз-жигиттей бири-бирин сыйлап, бири-бирине эркелеп өткөндөрүн ойлобоско аракет кылат. Салтанатты куда-кудагыйлары, жакын санаалаштары куттуктап келип аларга бакыт-таалай каалап отуруп кетишти. Кыз-күйөөлөрү анда-санда келип кетет, Элмирбек эки жарым жашта, быдылдап сүйлөп калган, ал кээде таенесинин жанында калып калса зериктирбейт, Болот экөө аны абдан жакшы көрөт, ага оюнчук, көбүнчө момпосуй менен балмуздак алып берип көндүрүп коюшкан. Салтанат ушул кезин баардык өмүрүндөгү бакыттын туу чокусу деп сезип дүйнөдө өзүнөн өткөн бактылуу пенде жоктой сезчү болду. Асылай кош бойлуу, ал апасына келгенде баштагы кыялдарын көрсөтө эркелегени болбосо бир топ токтоо тартып калган, Бакай экөө абдан бактылуу, Райканды ээрчитип алып паркка алып барып ойнотуп келишет, ал мектепке окуп калганда Асылай курбусу Надира экөө эрмектешип өткөндү эстеп күлүп кечке отурушат. Жакында турмушка чыгаарын айтып кубанып отурду, кийинки келгенинде курбусуна айтып отуруп кетти. Булар турмуш жолун жаңы гана баштаган жаштар, булардын өмүр жолунда кандай жакшылык, кандай жетишкендик ошондой эле кандай күтүлбөгөн кырсыктар болоорун али сезбеген бактылуу жандар…

Айжамал ыйлап-сыктап эки уулун багып кайнатасынын үйүндө жашап жатты, убакыт өткөн сайын Сайрагүл Жанышты Батырбекке окшоштуруп көп ыйлачу болгон:

- Каралдым десе, атасынын эле өзү, оңбосун да-а оңбосун.

- Кемпир, кантесиң эми, айла жок экен да, колубуздан келсе өз колубуз менен өлтүрөт элек, өкмөттүн мыйзамы бар экен, жазасын алды, - деди Бообек үнү каргылдана.

- Кантейин, уулумду ойлосом жаным төрт чарчы атасы.

- Айла жок, мага деле жеңил эмес, - дешип балтыр бешик болуп калган наристелерди биринен-бири колуна алып эркелетип өөп жыттап эрмек кылып кубаттанып калышат, өлгөндүн артында муң-зар, кайгы-арман коштолоору белгилүү эмеспи, ошентип бул үй-бүлөө дагы арман күүсүн чалып убакыт зымырап өтүп арадан беш жыл билинбей балдар бешке чыгып такылдап калган учур… Садырдын туугандары чогулуп ага келип өз ойлорун айтышты эле ал чоочуп кетти, анткени үйлөн деп айтышкан эле. Анткени Бообектин коңшусу Куттубай менен Садырдын аталары бир тууган, андан эки жашка улуу, ал Айжамалды ага алып бермек болгон эле. Ай асмандан түшүп секирген Садырды көндүрүштү, Кумар менен Умар дагы өз-өзү менен болуп калган, Даткайым күйөөсү менен Россияга кеткен, бир үйдө жалгыз калгандыктан ага болбой эле аял алып бермек болушту. Бообекке сүйлөшүшсө келинине сүйлөшкүлө дептир, Айжамал бул кезде баягы кызматчыны каалаган жаш келин эмес, карапайым аял болуп максаты эле эки уулун тарбиялап өстүрүү болуп калган. Садырды айылга ээрчитип келип келин менен көрүштүрмөк болуп кечинде Куттубайдын үйүнө Айжамалды ээрчитип келди эле чоочулай карады, бирок Айжамал ага макулдугун бериптир, көп өтпөй эле Садыр үйлөндү, чакан той жасап үйүнө алып келгенде Калыс, Салтанат күйөөсү Болот менен куда-кудагыйлары болуп куттуктап отурушту. Ошол той болуп жаткан кезде эрксизден Садырдын көзү босогого кадалды, эч нерседен селт этпеди анткени босогодон Айдайдын элеси көрүнүп заматта көздөн кайым болду: "Эми кеттиң го, жаның жаннатта болсун", - деп ойлогон Садыр эс ала түштү…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз