Айгүл ШАРШЕН


"Өмүрдү өксүткөн сезим"


Бул сезим адам баласынын өмүрүндө эки нерсе алып келээри анык, бири бактысыздык, бири бактынын туу чокусу. Сезим деген нерсени сезбей бир өмүрүн жашоонун кулу болуп өтүү кандай арман бирок пенде карды тоюп, кийими бүтүн, бала-чака күтүп жашоосу тынч өтсө ошого канимет кылып жашап өтө берет. Жашоо мыйзамы ошондой эмеспи, ошол эле мезгилде бирөөлөр аруу сезимдин, ак сүйүүнүн азабынан бири-бирине жете албай зардап чеккенинен азап-кайгыга чыдай албай көздөрүнөн жаш, көкүрөгүнөн дарт кетпей кээси өтүп кетсе, кээси өз сезиминин өтөөсүнө чыгып, жүрөк каалоосун аткарууга далбастап акыры сүйүүнүн бар экенин далилдешип бүт өмүрүн аруу сезимге арнап койгону канча. Ооба, мен да ошол өз сезимимдин гана кулу болуп, өмүрүм өткөнчө бир адамдын элеси менен жашап келе жатам, - деди бул жолу менин узак сапардагы таанышым. Сүйүүнү билбеген, башымдан өткөрбөгөн болсом анда кызыкпаган болоор белем, дилгирлене жүзүнө тигилип, муңайым жүзүндөгү болоор болбос тырыштарга көзүм түшө ойлуу суроо узаттым:

Сиз өзүңүз сүйгөн адамга кандайча жетпей калгансыз?

Ал өзүнчө бир топ сөз, айтууга дилим чыдабайт, ал турсун эстөө мен үчүн оор, - деп улутуна көзүн зымырай кетип жаткан унаанын алды жагына кадала карады.

- Узун жолду кыскарт деп коет эмеспи, алдыда дагы беш-алты саат жол жүрөт экенбиз, кеп баштаңыз, оңтойсуздук жаратсам кечиресиз, бирок ичтеги сыр акыры сыртка чыгуусу керек го?

- Мен бул сырымды өзүм менен кошо алып кетем деген ойдо элем, - Сапарлашым шуу үшкүрүп алды, жашы алтымыштардан эбак ашса да жүзүнөн нуру төгүлгөн жылдыздуу аялга тигиле карап анын сыры арман менен бүткөнүн сездим, бирок али сырын ачууга көңүлү жок экенин сезип телефон номерин алып калдым. Мерчемдүү жерибизге жеткенде сый гана коштошуп кете бердик. Арадан бир топ күн өткөндө баягы эжеге чалдым, бирок ал кайтып келе элек экен, ошол бойдон мен дагы өз тиричилигим менен алышып калган элем телефонум чырылдаганынан ала койсом Дамира эже экен. Экөөбүз жолугушууга макулдашып анан ошол эле күнү жолугуштук.

- Кандайсыз эже? - Мени күтүп турган Дамира эжеге жылмая колумду сундум.

- Жакшы, иштериң кандай? - Саламыма жооп кыла жылмайып койду. Андан кийин ыңгайлуу жерге отуруп маегибизди баштадык, Дамира эже көпкө ойлуу отуруп анан оор дем ала мага кайрылып көпкө тигилди да сөзүн баштады.

Элүү биринчи жылдар, Дамира он экиден он үчкө караганда атасы катуу оорудан көз жумду, иниси Канат жети жашта, апасы Сүйүн дагы оорукчан эле. Оор жылдарда унду килолоп алган убак, бирде ач, бирде ток калып эки баласынын кардын тойгузуп кээде өзү ачка калчу болду, таежеси Замира тыңыраак турат, күйөөсү каардуу адам, Дамиранын балдары барса эле зирпилдеп аялына акшыя карап:

- Ийи, тигилериң эмне келиптир? - деп турат, бүгүн дагы Дамираны ун суратып жиберген эле, кирип келе жатканда эле аны заардуу көздөрү менен ата карады, - Бу силер суранганыңарды качан коесуңар ыя?

- Койчу эми Асек, жалгыз эле булар эмес го, кыйынчылык тарткандар көп, атасы өлбөгөндө да минтпейт эле, - деп Замира жээнин калкалай калды, - Ун салып берейинби?

- Апам ун берип турсун деген.

- Силер үчүн жыйыптырмынбы? - Асек акшыя карады.

- Асек, бул убактылуу эле, бизде болсо алып турсун, булар дагы чоңоюп адам болот, - деди Замира. Анткени көп сурап келе турган, кээде Замира күйөөсүнө көрсөтпөй өзү жеткирип да берет, артында эч нерсе болбогон соң баары бир сурап алган тамактын жугуму жок болот эмеспи, коңшуларынан деле сурап алышат. Кээси өздөрүнөн ашпайт, ошондуктан аргасыз алакан жайып тим болушчу. Кычыраган кышта Сүйүн катуу ооруп калды, буудай ундан жасалган нанды уулу менен кызына бөлүп берип өзү карандай суу ичип жатканда Дамира:

- Апа, бул нанды сен жеп алчы, менин кардым ток, - деди колундагы сындырым нанды апасынын колуна карматып.

- Жок кызым, менин жүрөгүмө барбай турат, сен барып Замира таежеңди чакырып келчи.

- Асек тажездем жаман көрөт барбайм.

- Мейли, жаман көрсө дагы барып кел садага, менин андан башка эч кимим жок, ага айта турган сөзүм бар, бара гой, - Сүйүн кумсарып турган жүзүн мээримге толтуруп кызын жылмая карады, бирок бул жылмаюда үмүттүн шооласы биротоло өчкөндөй арман бар эле.

Дамира жүгүрүп таежесинин үйүнө жетти, Замира менен Асек ушул кезге чейин балалуу болушкан эмес, жашы өтүп баратса дагы Замира төрөгөндөн үмүтүн үзө элек болчу, бирок Асек ажырашам деп чыр чыгарып жүргөн. Дамира алардын короосуна кирип эшигине жетип каалгага кол узатып баратып токтоп калды:

- Мен сени төрөйт деп дагы канча күтүшүм керек, мени менен теңдердин балдары бойго жетип калды, - деген Асектин күпүлдөгөн үнү кулагына шак дей түштү, - Колунда жок, багаары-көрөөрү жокторго бала берип, мени туяксыз калтырмак беле, сен төрөбөйсүң, мен балалуу болушум керек, жанагы сенин жетим жээндериң үчүн жыйыптырмынбы, ал атаңдын жээни, экөөбүзгө тиешеси жок.

- Асек, сен үмүтүңдү үзбөчү, мен төрөйм көрөсүң го, Бүбү эне мени төрөйсүң деди, - Замиранын ыйламсыраган үнү чыкты.

- Качан, төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

- Бир-эки жыл чыдасаң, али жаш элебиз го, мен отуз алтыда, сен кыркка жаңы эле чыктың, кудай кылды жетим-жесир болду да...

- Жетишет, он беш жылдан бери төрөсөң төрөбөйт белең?

- Буйруса балалуу болобуз Асек, чыдачы жаным, бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбайлычы.

- Ыйламсырап амалданганды кой, ансыз дагы алдап келе жатасың!

- Асек!

- Болду, эми мен сенин куру сөзүңө алданбайм! - дегенин угуп бир саамга турду да артына бурулду Дамира. Короонун оозуна жетип жолго чыга бергенде үйдөн ачуулуу чыккан Асек аны көрө коюп, - Самсаалап ушулардыкы өттү, суранып эле эшиктен кетпейт, - дегенде Дамира ыйлаган бойдон жүгүрүп үйүнө кетти. Сүйүн онтолоп кара терге түшүп жаткан:

- Апа, апакебай таежемдин үйүнө барбай эле коелучу, - деп Дамира апасынын жанына отура калып ыйлап жатты.


- Эмне болду кызым, кой ыйлаба, Канат кайда кетти? - деп Сүйүн башынан сылай алсыз үн катты, - Сен чоңоюп калдың кызым, отур жаныма, бул оору мени соо койбойт го, силердин адам болгонуңарды көрүп көзүм кубанбады, жүрөгүм менен силердин бактылуу болгонуңарды сезе албадым...

- Антпечи апа, баргым келбейт, алар урушуп жатыптыр, - Дамира көз жашын аарчый соороно отуруп калды.

- Эчтеке эмес каралдым, алардын урушу бүтпөйт го...

- Жетимдериң самсаалап келе беришет дебедиби?

- Аттиң, - Сүйүн оор дем алып алды. - Аттиң, мен сага түшүндүрбөсөм болбойт кызым, сен чоңойдуң, Канатты жакшылап кара, менин кудуретим жетээр эмес, - Сүйүн кайра демигип алды, көз кычыктарынан аккан көз жашы жаздыкка куюлуп жатты, - Мен жокто иниң экөөңөр бири-бириңе караан болуп жүргүлө, аргам жок кызым, таштап кетүүмө туура келет, кантейин экөөңөрдү канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өзүм багып чоңойтуп адам кыла албадым...

- Апа, эмне деп жатасың? - Дамира апасынын жүзүнө үңүлө карады.

- Кызым, Канатты чакырып келчи, - Сүйүн кызын алаксыта колун жаңсады, - Барып келе калчы, ойноп жүрсө керек ээ? - деди көздөрүн күлүңдөтө.

- Азыр апа, - деп Дамира тепилдей туруп сыртка карай жөнөдү.

- Аттиң, томсоруп каласыңар ээ, аргам канча, ушулардын бойго жеткенин көрө албадым, же атадан же энеден жок томсоруп жүрүп бой жетээрсиңер каралдыларым... - Көздөрүнүн жашы жамгырдай куюлуп алсыз кыймылдамак болуп козголо албады.

- Апа, апа мени чакырып жатасыңбы? - деп эдиреңдеп Канат кирди, анын артынан Дамира кирди, - Апа нан берчи, кардым ачты.

- Каралдым ай, - Сүйүн ары карап кетти.

- Канат, апамды кыйнаба да, анан мен ун сурап келем, - Дамира инисин түрттү апам жакшы болуп калганда ун дагы, нан дагы болот уктуңбу?

- Маку-ул, - Канат бултуя отуруп калды.

- Дамиш, Сайрагүлдү чакырып келчи, - деди Сүйүн коңшусуна жөнөтүп Канатты өзүнө жакын чакырды, - Келе гой каралдым, келчи мага, - Канат төшүнө башын жөлөп жатып калды.

- Апа, кардым ачты.

- Садагаң болоюн десе, кардыңды тойгузам, анан силер чоңойгондо мени багасыңар ээ?

- Ооба апа, мен буудайды кө-өп айдайм ээ?

- Ананчы жарыгым, сен жакшы бала болуп чоңоесуң, эжең экөөңөр бактылуу болосуңар, - Чекесинен өөп алды.

- Сенчи апа, сен да бактылуу болосуңбу?

- Силердин бактылуу болгонуңар менин бактым да садагам, сен эшикке ойной тур, - деп уулун экинчи көрбөстөй жыттап-жыттап алды, Канат жүгүрүп чыгып кетти, бала неме апасынын акыркы сөздөрүн угуп, коштошконун сезбеди, анын эси дарты азыр кардын тойгузуп көзүнөн сындырым нан учуп турган эле. Сайрагүл менен Дамира ээрчише киргенде Сүйүндүн көзү тунара акыбалы кетип жатып калган эле.

- Сүйүн, сага эмне болду? - деп Сайрагүл жанына отура калды, - Көзүңдү аччы Сүйүн.

- Сайрагү-үл, - деди оозун араң ачкан Сүйүн, - Балдарга көзүңдү сала жүр, эч кимибиз жок, Камбардын да бир тууганы жок эле...

- Сүйүн, андай жаман сөздү айтпачы.

- Жок Сайрагүл, Дамиш эсине кирип калды, сен Замираны чакыртчы бирөөдөн, тагама кабар берсин.

- Апа, Замира таежем келбесе койсунчу.

- Жок балам, айтаарым бар, - деп көзүн жумуп жатып калды Сайрагүл шашыла чыгып Замираны чакырып келгенче Сүйүн, - Дамиш, көп ыйлай бербе, Замира эжеңе сени тапшырам, Канатты өзүң кара мени кыйнабай иниңе көз бол садага, - деп колун өйдө кылып келе жатып шалак дей түштү.

- Апа-апакебай, көзүңдү ач апа, силер жок биз эмне болобуз апа, бизди таштаба, атам жок ансыз дагы азап тарттык го?! - деп апасынын үстүнө жатып алып бакырып ыйлап жатканда кирип келишти.

- Эмне болду кокуй? - Замира жээнинин колдорун кармап, көзүн ачып көрүп далбастап калды. Сүйүн эбак эле үзүлүп кеткен эле, өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей Сүйүндүн тагасы баарын көтөрүп ызаат сыйын жасап жайына койду, Канатты алып кетмек болуп Дамирага карады:

- Дамиш садага, сен Замира эжең менен бол Канатты өзүм эрезеге жеткирем.

- Биз чогуу болушубуз керек, апам өзү айткан.

- Сени Замира өзүм карайм деп жатпайбы?

- Жок, Асек жездем бизди жаман көрөт, - деп Дамира көз жашын төгө жер карады.

- Дамиш, сени эч ким жаман көрбөйт, менин жанымда болосуң садага, жездең эмнеге жаман көрмөк эле? - деп Замира жүзүнөн өөп, чачынан сылап бооруна кысты, - Мен сени кыз кылып алам, апаң экөөбүз тең элек, атамдын бир тууган карындашынын кызы болчу, апаң дагы биз менен чоңойгон, - деп Замира үйүн жыйыштырып, керектүү буюмдарын алып, калганын бууп түйүп жыйып койду да, үйүн кулпулап коюп жөнөштү. Он эки, он үчтөгү кыз эч кимисине тоскоолдук кыла албады, инисин тагасы алып кетип өзүн Замира таежеси үйүнө алып келгенде Асек заарын чача:

- Булардан кутулбадык го, ата-энесин мен өлтүргөнсүп эми үйүмдө жашайт экен да, - дегенде Замира:

- Койсоңчу Асек, балада эмне күнөө, кудай кылды жетим калышты, пейилиңди оңдоп жүрсөң боло, бала көрөөрүбүзгө жакшы, - деди жээнин калкалай.

- Сен куу шыйраксың, болбосо эбак төрөмөксүң, жээниңди ал дагы кет, мен катын алам!

- Асек, кет дегенде эле кете бергидей мен кечээ келген келин эмесмин, ойносоң дагы ойлоп сүйлө.

- Билгениңди кыл, тууп туягың канабаса сени менен канчага чейин жашай алам, өзүң түшүнсөң боло, сен аябай балдарга заарсың, кудайдан тилеп кыял-жоругуңду оңдосоң берет го кудайым, - деп Замира ыйлап кирди.

- Өлүгүңдү артып, өлөрмандык кылба, жээниңдин үйүнө эки баласын алып жашай бер, мен башка аял алам, - деп Асек үңкүйүп отуруп калганда Замиранын ачуусу келип кетти:

- Албайсың, эгер кууп чыгам десең атамды чакыртамын, сенин алган аялыңды мен бул үйгө киргизбейм, мен жөн эле кете койбойм!

- Чакырта бер, сени төрөйт деп күтүп жүрүп туяксыз өтмөк белем, атаңа кошуп берем керек болсо, - деп Асек ордунан туруп сыртка чыгып кетти, ал кайнатасынан сестенчү, чынында кайнатасынын күчү менен Замира менен ажыраша албай жүргөн болчу. Замира атасына айтып андан чындап эле кетип калгысы келип турду азыр, анткени акыркы үч-төрт жылдан бери ансыз дагы зээни кейип жүргөнүнө карабай заарын чачып көңүлүн калтырып бараткан эле.

Сыртка чыгып күйөөсүн караса мал короо жакта жүргөн экен, коңшусунукуна кирип атайын баласын атасына жөнөттү. Өзү үйгө кирип бүрүшүп ыйлап отурган Дамираны бооруна кысып:

- Ыйлаба садага, сен да эми эле бойго жетип бактыңды табасың, бул күндөр унутулат, ыйлаба садагам.

- Таеже, тажездем мени жаман көрөт да, мен деле Канат менен тайкемдикинде болбоюнбу? - Жалдырай карады.

- Атам эртең келет, анан сүйлөшөбүз макулбу? - деди чекесинен өбө.

- Чын элеби? - Кубанычтуу көздөрүн аарчыды.

- Ооба, чакыртып жибердим.

- Канаттын жанында бол деген да апам.

- Көрөбүз садага, - Замира ойлуу телмире отуруп калды: "Аттиң, бирөөгө ичээрге суу табылбаса, бирөөгө кечүүгө кечмелик жок деген ырас экен да, байкуш эки баласын жалдыратып аргасыз гана таштап кетти, мен бир баланын айынан жүрөгүм сыздап отурам", - деп отурганда Асек кирди:

- Атамды чакырттыңбы?

- Ооба, эртең келет го.

- Андай болсо бир козу соелу, куру кетсе болбойт го?

- Козу союп эмне кыласың, мени төркүнүмө кошуп бермек болбодуңбу, жегиси келсе өзү союп жейт, сага күнү түшпөйт.

- Замира, эми ачуу келгенде айтылган сөзгө терикпе да, кээде кыжаалат болот экенсиң...

- Ала турган аялыңды өзүм киргизип берип анан кетем.

- Кайдагы аял, жөн эле айтып койдум.

- Бир эле жолу эмес, бир канча жолу айттың ыя, ошо даярдап алып анан айтып жаткандырсың?

- Кой эми, бир ачууңду бер Замиш, атамды сыйлап анан кетирели, кечээ эле жээни өлүп жатса...

- Болуптур, дагы унчукпай эле коеюн, дагы ушундай болсо таарынба, атама болгонун айтам, мен сенден баары бир кетпейм, мен төрөйм, болбосо сенин өзүңдө, бүбү-бакшынын баары эле төөрйсүң деп жатпайбы?

- Буйруганын көрөөрбүз, болбосо Дамира бизге кыз болуп калды, күйөөгө берип балалуу болсо багып алабыз, - деп Асек калп күлгөн болду, - Биротоло апам экөөнү тең чакырып коелу.

- Муну атама кошуп берем.

- Кой, биерде жүрө берсин.

- Иниси экөөнү бөлбөшүбүз керек эле, мен болбой алып келбедимби, - Замира үшкүрүнүп алды. Асек Замираны далай жолу сабап, ур-токмокко да алып жүрдү. Казыбек бир топ элден малдуу-алдуу турчу, колунда жокторго, коңшу-колоңуна кайрылышып соопчулукту көп жасаган адам, аялы Мейизгүл андан бетер колу ачык, бей-бечараны көргөндө алдындагы ашын аябаган аял, он балалуу болуп токтобой төрт баласын карманып калган, согушка бала кезде буту сынып таяк таянганынан барбай калган. Айылда башкармага чейин көтөрүлүп ден-соолугуна карап иштен бошонуп алган. Эртеси күн чыга кер кашкасын минип келип калды эле, Асек шыпылдай тосуп алып:

- Ас-салоому Алейкум, ата келиңиз, апам келген жокпу? - деп атын алып мамыга байлады.

- Артта келе жатат балам, бу тынччылыкпы?

- Тынч эле, жээниңизге куран окуп үйдөн чай берип коелу деп эле...

- Аа-а, жакшы-жакшы.

- Кириңиз үйгө.

- Кирели, - деп Казыбек күйөө баласынан алдыга басып ичкери кирди, - Замиш жакшы жатасыңарбы, Дамиш көнүп калдыбы?

- Жакшы ата, келиңиз.

- Келдик кызым, кечээ эле көрүштүк эле, эмнеге чакырып жатат деп апаң дагы сары санаа болуп келе жатат.

- Жөн эле сары санаа боло береби, Дамиш иним менен бирге болушум керек дегенинен чакыргам, Канат жакшы эле жүрөбү?

- Бала эмеспи, көнүп кетет кызым, өлгөн өзүнүн шору, өзү дагы жападан жалгыз эле, жаштайында жайрады байкуш, ооруп калып кабар ала албай калбадымбы, - деп Казыбек кейип алды.

- Пешене да ата, колумдан келгенин берип жаттым, ушулар тамак аштан эле кейип калышты.

- Аттиң ай, эки баласы менен үйгө алып барып алсам болмок экен да, эми уулун адам кылып тарбиялап койсом милдетимден кутулаармын, Дамиш биерде болгусу келбесе алып кетели анда.

- Мага караан болсо дедим эле.

- Ой эмнеге чакырдыңар? - деп Мейизгүл кирди.

- Жөн эле апа, кел отур.

- Чакырып жатат десе чоочулайт экенсиң да, Асек мал союп жатат го эшикте.

- Ооба, силерди коноктоп коеюн деп эле.

- Ии-ий кокуй күн, убара болбой эле койсоңор болмок экен.

- Ошонун убарасы барбы апа, балдарың сыйлап жатканда көрө бергиле, - деп күлдү Замира, ичиндеги он толгонуп айтайын деген оюн сыртына чыгара албай күлө багып ата-энесинин алдына дасторконун жайып катканын коюп жатты. Дамира дасторкондогу үч бурчу аппак кантты көрүп таңгала:

- Таеже, бул эмне? - деди.

- Ал чакмак кант кызым, кел чагып берейинби?

- Таттуубу?

- Ооба, чайга салып ич ээ?

- Макул, - Дамира кызыга карап турду. Замира кантты чагып чынысына салып берди эле аны аралаштырып ууртап көрүп, - Аябай таттуу экен, бизде мындай кант жок болчу, - деди улутуна: "Эгерде бизде мындай кантыбыз, унубуз болгондо апам өлбөйт эле, эмнеге тууган болуп туруп бизге беришкен жок", - деп чыныны жерге коюп унчукпай отуруп калды:

- Дамиш, чай ич кызым, - деди Мейизгүл ага кайрыла, - Ойлонбо кызым, силер да жетилесиңер, адам болосуңар кызым.

- Апам нанды бизге катып берип өзү ичпей-жебей ооруп калбадыбы...

- Ээ балам, азыр силер эле эмес, элдин баары кыйналып турган кез, силерге кудай кубат берсин, жээнимдин арбагы үчүн мен экөөңөрдү тең эрезеге жеткирип, адам кылганга милдеттүүмүн, - деп Казыбек Дамиранын башынан сылап чекесинен өөп койду. Асек кечке маал козунун этин алып кирип, кайнене-кайнатасына сый көрсөтүп анан узатмак болгондо:

- Дамираны алып кетелиби? - деди Казыбек кыз-күйөөсүнө кайрылып.

- Ата, Дамираны биз эле багып алалы, жакында окуусу да башталат, - деп Асек шыпылдап кирди.

- Кыз баланы жүдөтүп койбогула, эл наала кылат.

- Кантип эле Дамишти жүдөтүп коеюн апа, - деп күлдү Замира. Казыбек менен Мейизгүл бири-бирин карап коюп өз жолуна түшүштү: "Ашып жаткан бүлөөбүз бар беле апа", - деп айтып ийе жаздап барып токтоду Замира. Ошентип эки бир тууган эки жакта өз тагдырларын баштарынан өткөрүп жатышты. Асек Дамираны жек көргөнүн токтоткон жок, тамак ичип жатканда тикирейип карап отура берет, бир күнү дагы үчөө тамактанып отурушкан:

- Кыз бала сендей сугалак болобу, аздан ичпейсиңби? - деди жийиркеничтүү карап.

- Койчу Асек, бала немени ошентип дагы айтасыңбы?

- Мындай кезде күйөөгө тийген илгери, он үчүндө эле эрге беришчү, - деди кытмыр жылмая.

- Ал илгерки заман болчу, азыр аял-эркек бирдей укукта, кыздар каалаганына чыгат.

- Кара далы кыз болуп эр албай коет ашты көп ичсең.

- Ай Асек, баладай кыялың бар да, жаш немеге ар кайсыны айта бербечи, - деп Замира аны калкалай сүйлөдү, Дамира сыртка чыгып кетти, короодон ары барып жалгыз түп талдын түбүнө отуруп алып буркурап ыйлап жатты. Ар күнү ошондой өзүнө карата айтылган ачуу сөздөрдөн заарканып калды, айла жок, эки-үч жолу таекесиникине барып инисин көрүп, анын жакшы жашап жатканын көрүп кубанып алды. Кетип калгысы келет, тагасына баарын айтып арыздангысы келет, бирок таежесинин көңүлүн кыя албайт. Замира Дамираны таза кийинтип, чачын жууп тарап, чыкчыйта өрүп мектепке жөнөтүп жакшы карайт, жаман сөз айтпай көңүлүн карап турат. Мектептен келип эми үйгө кире берээрде:

- Өз балам жок, бирөөнүн баласын кийгизип, ичирип бага беремби, кана төрөгөнүң? - деген Асектин үнүн угуп токтой калды, - Өлгөнүңчө төрөйм деп алдайсыңбы ыя, андан көрө токол алып бер! - деди Асектин үнү өктөм чыга.

- Асек, дагы эки жыл чыда, эгерде төрөбөсөм ошондо өзүм кетем, - деп Замира ыйламсырай үн катты.

- Эки жыл, эки жыл деп, эки жылда дагы картаям, азыр кырк экидемин, менин жашымда балалуу болгум келет, төрөбөгөн аялдар күйөөсүнө өздөрү эле аял алып берип коет экен го, сен эле төрөйм деп алдаганыңды кой!

- Айттым го Асек, эки жыл чыда, өзүм кетем, - деп Замира шолоктоп ыйлап кирди, Дамира ары басып кетти, короонун оозуна келип эки жакты карап бир аз турду да сабактан эми келгендей үйгө кирди.

- Ашка жүк, башка жүктү бакканча өз баламды баксам болот беле? Дамираны акшыя карады.

- Асек, - деп Замира ары карап кетти, ал Дамирага көз жашын көрсөткүсү келбеди, - Дамиш, эрте тарадыңбы?

- Ооба, бир сабак өтүлгөн жок, агай келбеди.

- Сабагың жакшыбы?

- Ооба, Лениндин жанында сүрөтү илинет экен.

- Болсо болоор, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет деген сөз бар го? - Замира сыртка чыгып кетти. Дамира кийимин которунуп алды да таежесинин артынан чыкты, ал эшиктин алдындагы отургучта отурган экен, көз жашын жоолугунун учу менен аарчып үшкүрүнө туруп кетмек болгондо Дамира колунан кармай калды:

- Таеже, кетип калалычы, сени күндө капалантып ыйлата берет экен.

- Эмне дейт? - Замира жээнин ормое бир карап алды.

- Кетип калалычы, сенин ыйлаганыңды көргүм келбейт таеже!

- Кой, андай сөздү кайдан алдың, мен эч жакка кетпейм, ал айта берет, айтып-айтып калат балам, сен ага капа болбо, он беш, он алты жылдан бери көнүп бүтпөдүмбү, сенин антип айтканыңды укпасын садагам, - деп ары басып кетти. Дамира өзүн уккусу келбеген таежесине таарынып, ыза боло көзүнө жаш айлана туруп калды: "Эмнеге кетип калбайт, аял алса ала берсин, тынч жашамакпыз, биздин үй деле бош турбайбы, Канатты алып алат элек", - деп ойлонуп алды. Дал ошол учурда ал өз тагдырынын өзү жек көргөн атасындай адам менен байланышып калаарын, өмүр бою көңүл ооруу менен жүрөк сезиминин өксүп өтөөрүн билбеди. Болгону балалык сезими менен таежесин жек көргөн адамынан алыстаткысы келди. Балким ошонда анын туюму өз тагдырынан качырмак беле? Замира да эч нерсе оюнда жоктугунан төрөп алам деген ойго жетеленип күйөөсүнөн кеткиси келбеди. Төртүнчү-бешинчи классты бүткөн соң окууга дагы барбай калды. Дамира өзү татынакай кыз болуп өсүп бараткан, эки жылдан кийин Казыбек дүйнөдөн өтүп кетти, анын ашын бергенден көп узабай Мейизгүл дүйнө салды. Он бештен он алтыга караган Дамирага жуучулар келе башташты, Асек келгендерди сөгүп сөздөп кетирип жиберет, Замира менен ажырашам дегенин коюп эси дарты Дамирадан өтө баштады. Замира бир жолу күйөөсүнө:

- Эки жыл дедим, арга жок Асек, эми каалаганыңды алсаң макулмун, биз Дамира экөөбүз кетели, - деди көзүнүн жашын сызылта, - Кудайдан үмүтүм чоң эле, буйрубаса айла жок экен.

- Кеткенде эмне, мурун кетсең болмок.

- Эмнеге, сен дагы балалуу болушуң керек эмеспи.

- Менин бир оюм бар, сен ошону аткарышың керек.

- Эмне деген ой? - Замира таңгала карады.

- Аны кийин айтам, күтө тур, - Асек сырдуу карап койду.

- Убакытты өткөрбөйлү, Дамира бойго жетти, аны мен өз энесиндей боло албасам да күйөөгө беришим керек, атам өлбөгөндө өзү милдетин алат эле.

- Дамираны кимге бергени жатасың? - Асек обдула калып Замираны олурая карады.

- Келгендин баарын кетире берсең, кыз баланын багын байлабайлы Асек, жетим өстү, инисине жөлөк болоор бир дурус жерге чыгып бактылуу болсун да, - деди Замира кейий.

- Дамира эрге тийбейт!

- Эмнеге?

- Сен мага Дамираны токол кылып бересиң!

- Эмне?! - Замира элээ карап, жалган угуп алган жокмунбу дегендей өңү бузула отуруп калды, - Сен жинди болгондон соосуңбу?

- Эмне болмок эле, сенин сиңдиң, сени да карайт, мага төрөп берет, өзүң айтабы десем унчукпайсың, - деди Асек аялына жакындай отуруп, - Андан көрө сен аны көндүр байбиче.

- Менден башка укпасын, мындай кара оюң бар экенин билгенде эбак кетмекмин, уяты жок шерменде, балаңдай кылып ошону кантип алмак элең, Дамиш укса жаа бою качып экөөбүздү тең жек көрүп калат, напсиңди бузба! - деп Замира ордунан туруп кетти, булардын сөзүн Дамира укпады, сайдан суу алып келүүгө теңтуш кыздары менен кеткен. Замира күйөөсүнө жини келди, ал коңшу-колоңун чакырып ушул азыр ачык айтып Дамираны колунан жетелеп чыгып кетмек болуп жиндене сыртка чыкса Дамира суусун ийинине бакандап короодон кирип келе жаткан экен. Эки бети албырып чыккан, көңүлү көтөрүңкү эле, Замира андан жүзүн буруп кетти.

Дамира Алтыбай менен сүйлөшүп жүргөн, ал бир үйдүн жалгыз баласы, ата-энеси кары, отуздардагы алдуу-күчтүү жигит. Алтыбайдын ата-энеси жуучу болуп келгенде Асек урушуп кууп жиберген эле. Экөө кечинде жолугушмак болуп эми эле жолугушкан. Замира жээнин карай албады, жүрөгү уйгу-туйгу болуп: "Мындай болоорун билгенимде гана, эсиңен кеткен шерменде жаш кызды кантип ыраа көрөм ыя, анын да өз бактысы бар эмеспи, кантип ошону оозуна алып отурат", - деп ойлонуп жаны жай албай жатты:

- Таеже, тамак жасайынбы? - деди Дамира сууну ичкери киргизип кайра чыгып.

- Макул садага, эмнеге жүзүң албырып кеткен?

- Жөн эле, суу көтөрүп келгендики го?

- Садага болоюн десе, - деп Замира ары карай алаксый басты: "Бирөө менен сүйлөшүп жүрөт окшойт, бактылуу болсо экен, эне-атасынан ажырап жетим өстү, инисине караан-бутак болуп армансыз жашаса болду, кантсе да жаш эмеспи, өз жүрөк каалоосу бар", - деп кылаар иши болбосо дагы ары-бери эшиктин алдында басып жүрдү. Асек Дамира чоңойгондон бери жаман айтпай каалаганын алып бер деп Замирага айтчу болгон. Ичке кирип эт туурап жаткан Дамирага:

- Замиш эжең кайда кетти? - деди анын жүзүнө купуя суктанып.

- Эшикте жүрөт.

- Эмне иш кылып жүрөт?

- Билбейм.

- Аа-а, сен кайда бардың Дамиш?

- Суу алып келдим.

- Дамиш, сен эми бой жеттиң, ала качып кетпесин.

- Жезде, насипке айла жок, көңүлгө туура келсе көрөбүз да, - деп сүйүүгө мас болуп турган кыз күлүп койду.

- Ой сен ала качканга отура бересиңби? - Жамбаштап жаткан Асек өйдө боло калды.

- Кыздар ала качып кетсе айла жок отура беришет да.

- Кой, мен сени ала качтырбайм, - деп Асек ачууланган болду, Дамира анын сөзүн көңүлүнө илбеди, жөн гана өзүнө ылым санаган жакын адамы катары көрдү.

- Жо-ок жезде, ала качканга эле бара бермек белем, коркпоңуз эч ким ала качпайт, - деп сыртка чыгып кетти. Асек ойлонуп калды: "Чоңоюп калган экенсиң, Замира көнбөгөндө кайда бармак эле, эртелетишим керек экен, Анжиянга бир барып экөөнө кийим-кече алып келейин, аялдардын эси дарты жалтыракта эмеспи", - деп өз оюн туура көрдү. Замира эртеси Дамираны ээрчитип алып алардын үйүнө келип, шыпырып тазалашты, жыйылгандарын салыштырды.

- Таеже, үйдү эмнеге даярдадык? - Дамира көптөн кийин сурады.

- Дамиш, кулак салчы, сен экөөбүз бул жерге келип жашайбыз, мен инимдин же агамдын үйүнө эми бара албайм, төрөбөгөнүмдөн ушул болду, Асек аял алам дейт, каршы боло албайм эми, - деди муңайым, - Бир кызыл эттин айынан турмушумдан бузулдум, жаш эмес же картаң эмес орто заар курагымда жалгыз калдым...

- Таеже, капаланбачы эми, экөөбүз Канатты алып келип алып жашай беребиз, - Дамира таежесин кучактап өөп алды, - Капаланбай жүр ээ таеже?

- Эмнесине капа болом садага, эбак эле кетсем болмок экен, сенин кебиңди укпаганымды кара.

- Эми деле эчтеке эмес, өзүбүзчө жашаганыбыз жакшы го.

- Ооба, мен Асек менен ажырашып энчимди алышым керек, - деди ойлуу Замира, экөө кечке жүрүп кечинде келишти, Асек жок эле, аркы-беркини айтып сүйлөшүп отуруп жатып алышты. Таң атканда өзүнө тиешелүү буюмдарын бууп түйдү, өзүнүн колунан баары келчү, оюу-чиймени жасап үй жайын жасалгалоону жакшы билээр эле. Өз колунан чыккандарын калтырбай алып атка жүктөп кетти, бир жумадан кийин Асек келип аны таппай калды. Жиндене аны издеп адегенде төркүндөрүнө келди, алар көрбөгөнүн айтты эле Сүйүндүн үйүнө келди. Кечке маал экөө чай ичип отурушкан, сырттан кирип эле:

- Жин тийдиби сага? - деди отурбай туруп.

- Мен сен кет дегенде кетпедим, бир жумадан бери кайда жүрдүң, ала турган аялыңды алып келдиңби?

- Мен сага айтпадым беле?

- Асек, эсиң менен бол, колу жолуң бош, күнөө менде, төрөп бере албадым, кеч боло электе аял алып бактылуу болгонуң жакшы, - деди Замира жер тиктей.

- Кой Замиш ачууланба, мен аял издебей эле Анжиянга барып мата-сата алып келдим, - деди жоошуй Асек, - Дамиш бойго жетти, күйөөгө кетсе ушундай кетмек беле?

- Багын кудай берсе кийим эмнени чечмек эле.

- Ошентсе да, өз балабыздай өстүрдүк, элге уят болбойлубу? - деп төргө өттү, - Ушунчалык карайдыңбы байбиче?

- Карайып эмне, сенде күнөө? - деп Замира жактырбагандай болуп чыныга чай куюп сунду.

- Үйгө кетели байбиче, мынчалыкка барба.

- Эми болбойт, мынчалык болбосо болот эле, мен сенден ажырабайм деп канча жыл тырыштым, акыры ушуга келдик, эми сен да өз жашооң менен бол, мени кыйнаба.

- Мейли, ойлонуп көр.

- Ойлонгондо эмне, эми кайрылып бара албайм.

- Мейли-мейли байбиче, мен кетейин, - деп Асек аларды чоочутпаганга аракет кылып акырын чыгып кетти. Дамира үн деген жок. Замира болсо бирдеме деп айтып ийеби деп Асектен коркуп турду: "Балким сөзүнөн кайткандыр, эл-журттан уялгандыр, күйөөгө берсек дедиби, айткан сөзүнөн кайтса керек", - деп зыңгырай отуруп калды. Эртеси эле Асек кайра келди, алып келгендерин Замирага берип жатканда ал:

- Булар өзүңө керек болот, эмнеге алып келдиң? - деди кабак чытый.

- Замиш, андай дебе, мен силерге алып келдим, бой жеткен кызды бир сыйра кийинтип коелу, шуру-мончок дагы бар.

- Кереги эмне Асек, шуру-мончоктун буга эмне кереги бар, айтылуу байдын кызы болбосо, сен антип сөздү чаргытпай үйүңө бар, бизди тынч кой.

- Болуптур Замиш, бир оокат өтөөр, бирок өзүң кайрылып барасың, ушуну угуп кой, мен сенден ажырашкан жокмун, - деп Асек кетип калды. Замира өзү ойлонуп калды: "Бул уятсыздын эмне оюу бар деги, Алымбекче эки катын менен жашайм деп жатабы, ал деле ушинтип балдары турса деле жаш аял алып албадыбы, көнүп эле төрөп түшүп алды, ал эмес Жумаалынын да эки аялы бар эмеспи, бирок Дамишти мен кантип Асекке ыраа көрөм, эл жерге түкүрбөйбү, наалат кылышпайбы", - деп ойлонуп өзүнөн-өзү кыздан тайсалдап жатты.

- Ай-ий таежем, буларды жездем алып келдиби? - Дамира көйнөктүк маталарды кармалап көрүп, шуруларды мойнуна тагып жатты.

- Жаздең алып келиптир.

- Урушса деле сизди жакшы көрөт экен ээ?

- Ким билет, ырасында сүйлөшүп баш коштук эле.

- Чынбы? - Дамира көздөрү жайнай таежесине карады, - Сүйдүңүз беле таеже?

- Биздин убакта деле сүйлөшүп баш кошкондор бар эле, ачык сүйлөшмөк кайдан, жашырынып жолукмай, жеңелерибиз орточу болчу да.

- Ии-ий да, - деп ойлонуп калды Дамира.

- Жигитиң барбы Дамиш.

- Жо-ок, эмнеге сурадыңыз?

- Деги да.

- Таеже.

- Оов.

- Сиз өзүңүз жездемди сүйдүңүз беле?

- Билбейм, келиндерден жеңемден атыр самын берип эле артымдан жүгүрүп жүрчү, кийин ат менен жайлоодон алып кеткен.

- Айи-ий да.

- Ошондой, атка өңөрүп алып кеткен, сени дагы ошентет бир күнү, - Жээнин күлүмсүрөй карап койду.

- Коюңузчу таеже.

- Койбой эле, кызга түшкөн жигит соо коеби, андан көрө өзүң жактырган жигит болсо каршы болбо макулбу?

- Азыр кое турайынчы.

- Өзүң бил, өзүң каалабаганга барып калсаң кантесиң?

- Кантип эле?

- Жашоодо боло берет күтүлбөгөн жерден болбогон окуяга туш келишиң дагы мүмкүн, менин ынак курбумду жигити атка учкаштырып эле алып кетип калган, көрсө экөө бири-бирин жакшы көрчү экен, кызды атасы башкага бермек болгондо качып кетишиптир, азыр бактылуу жашашат.

- Ошондой болот экен да, - деп унчукпай калды кыз, оюнда өзү жактырган Алтыбай: "Алып кетем десе макул боло берейин, таежем жаңы көйнөк тигип берсе сөзсүз кетем", - деп жүрөгү толкулдана болк-болк этип жүзү кызара сыртка чыга качты. Замира дагы өз оюнда аны эптеп башка бирөөгө берип иймек болуп жатты. Эртеси эле матанын жакшысын ченеп-бычып Дамирага көйнөк, чыптама тикти: "Мен жээнимди Асекке бербейм, өз күйөөмө жээнимди бергеним кудайга дагы жакпас", - деп ойлонуп жатты. Алтыбай Дамирага келип жолугуп үйлөнөөрүн айтты, экөө түн жарымга чейин отурушту бак ичинде.

- Дамиш, апам менен атам сага үйлөнөөрүмдү айтсам каршы болушкан жок, алып келе бер дешти, беш күндөн кийин алып кетем, - деди.

- Ыраспы Алтыш, ата-энең менин жетим экенимди билишеби?

- Койчу Дамиш, сен эле бекенсиң, ата-энени түбөлүк ким алып жүрмөк эле биз бактылуу болобуз алтыным, - деп Алтыбай кызды кучагына кысты.

- Ата-энең болсо жакшы экен, дагы таежем бар, жетимдей болуп өспөдүм, болгону өксүкмүн, сенин ата-энеңди өз ата-энемдей карайм Алтыш.

- Алтыным, алар сени кызындай көрүшөт, карып калышты, балалуу болбой жүрүп мени кеч көрүшүптүр, биз алардын кадырына жетишишибиз керек.

- Ооба, эми таежем билип кала электе үйгө кирейин, - деди Дамира. Жигиттин колунан колун бошото.

- Макул, жаман ойлоп калбасын, сени жаман сөзгө калтыргым келбейт, жакшы жат алтыным, - деп кыз-жигит эки жакка бөлүнүштү. Жүрөгү элеп-желеп болгон Дамира үйгө дабыш билгизбей кирип жатып калды, түнү бою кайненесинин колунан аппак жоолук салынып ийиле жүгүнүп жатканын элестетип көзү илинбеди. Болжошкон күнү Дамира Замирага жардам берип жүрө берди.

??????

Асек жөн жатпады, жакындарынын эки баласын үйүнө чакырып алды да Дамиранын кимге качан жолукканын аңдытып, өзү даярданып жатты. Жайдын толук кези болгондуктан жайлоонун ээн жерине боз үй тиктирип койду да дал Алтыбай Дамираны алып кетээр күнү эки жигитти атчан кароолго койду. Элеп-желеп болгон кыз жаңы көйнөгүн кийип алып эл жатаар кезден өткөндө үйдөн чыгып болжошкон жерге жетип эки жагын карап элеңдей туруп калганда аңдып турган эки жигит жетип келип оозун басып атка өңөрүп жөнөп кетти. Дамира үн дебеди: "Эмнеге мени мындай кылып алып кетет, Алтыбай өзү жолукса болот эле го, же ушинтип ала качабы?", - деп ойлонуп бат эле бир үйгө жеткендей болду, дароо көзүн таңып көтөрүп киришти. Оозун таңганын да алышпады, алдына калыңдап төшөк салып буту колун, оозун көзүн таңган бойдон чалкасынан жаткырып коюп алып келгендер чыгып кетти. Кыйкыра албай соолуктап ыйлап эмне болуп кеткенине көзү жетпей жата берди. Ошентип анын бакыт жолу таптакыр башка жакка бурулганын сезди, Алтыбай келип күтүп түн ортосунда үйүнө кетти. Эртеси Замира жээнинин жоголгонуна улам: "Ала качып кетсе бирөө жарым келээр", - деп эки жагын жыйнап күтсө дагы эч ким келбеди. Атасынын үйүнө келди, ата-энесинин ордун эң кичүү баласы басып бала-чакалуу болуп калган, Канат ошолор менен жашайт.

- Туку, Дамиш келбедиби? - деди Замира инисин көрүп эле.

- Жок, келмек беле?

- Канатка жолукканы келдиби дедим эле, - деп кайра артына жөнөдү, кайсы жерде бирин-серин түтүндөрдүн кимисинен сурамак, ар кайсыны ойлонуп үйгө келсе үйүнүн айланасында эки жигит жүргөн экен.

- Арбаңыз эже, - деди Алтыбай элпектик менен, Замира анын ата-энеси Дамирага жуучу түшүп келгенин билгендиктен: "Чунак бала, алып кетип калып өзү келдиби, жок жосунду баштап", - деген ойдо:

- Бар болгула балдар, кайдан жүрөсүңөр? - деди.

- Эже, Дамира үйдөбү?

- Жок, ал тиги Көк-Дөбөгө кеткен.

- Жөн жай элеби?

- Эжем бар эле ошонукуна кеткен, - деди да үйүнө киргиче шашты: "Ботом ал кайда кетип калды, аман болгой эле, жакшынакай жүрүп эле кайда кетмек эле, же башка бирөө ала качып кеттиби, бирөө келээр", - деп өзүн тынчтандырганы менен ою алда кайда кетип отурганда Асек келди.

- Арба Замиш байбиче.

- Бар болгула, - деп Замира аны көргүсү келбеди.

- Байбиче, үйгө кайткыла, таарынычыңар тарагандыр.

- Жок, барайын деген оюм жок, бизди күтпө, экинчи келбе!

- Он алты жыл жашадык, ушунчалык жек көрүндү болдумбу?

- Көп сөздүн кереги эмне, эми биз ажыраштык Асек, мен сага бара албайм, сенин багыңды байлап, ушунча жыл алдап келгеним жетээр, эми аял алып сен дагы бала-чакалуу бол, менин тынчымды ала бербе.

- Жок сен барышың керек, - Дамираны күйөөгө беребиз да, - Асек Замирага кытмыр жылмайды,- Өзүң жалгыз ырахатын көрөйүн дейсиңби?

- Асек, сен менин сиңдимди шакаба кылба, тийсе тийээр, тийбесе жүрөөр, ага эле эмнеге асылып калдың? - Ызалуу карады.

- Ай-ай Замира, мен сени шакаба кылбайм, чоңойгон кызды айтып койдум да, - Колун жая каткырды.

- Жаш кызды келеке кылып токол кылам дейсиң, анда эмне өчүң бар? - деген Замира ачуулуу көзүн алайтты, - Чыгып кет, ансыз дагы башым ооруп турат.

- Анчалык ачууңду келтирбе, Дамира бир жакка кеткенби?

- Аны эмне кыласың, сурай бербей жолуң менен бол!

- Болуптур ачууланба, мен кетем, бирок дагы келем байбиче.

- Байбичең эмесмин, мени унутуп өз жашооңду жөндө.

- Кайыр, жолугушканча байбиче, - деп Асек жөнөй берди, Замира күн кечтеген сайын жүрөгү кыжаалаттанып үйгө кирип-чыгып жатты. Ошентип кыз баланын жоголгонун айта албай жашырып өзү кабар берээр деп үч күн өтүп кетти. Алтыбай кайра-кайра келип үйдү айланчыктап жүрдү, аны көргөн Замира ого бетер чыга албай койду, ышкырып-ышкырып кайра кетет…

Дамираны үч күнү тең буту-колун, көзүн чечпей бир эки маал чай-суу берип кайра камап коюп жүрдү. Бир күнү Асек: "Болоор иш болду, көнбөгөндө кайда бармак эле, бир түнөгөн жерден кетип көрсүн", - деп ойлонуп жаткан жеринен өз максатына жетти, көптөн кийин:

- Дамиш, мени кечир, аргасыз ушуга бардым, мага бала төрөп берсең эле болду, жашабайм десең дагы өзүң бил, сени таежең менден ала качты, айтканыма көнбөдү, каргаарсың-какшаарсың, бирок мен сени жакшы көрөм, каалаганыңдай жашайсың, сен айткандын баарын аткарам, - деп башын жерге салып отурду. Үч күндөн бери буту-колу байлануу жаткан кыздын көзүн же оозун чечпеди, андан жүрөксүдү, ачуу сөз угуудан коркту, анан көзүн чечти да бөлмөдөн чыгып кетти. Көзү тунарган кыздын өлөйүн десе аргасы жок, аргасыз боздоп жатты. Эртеси таң ата кирип келгенде кыз жүзүн буруп кетти, - Кардың ачкандыр, бирдеме жалгап ал, - деди да колу менен оозун чечип коюп өзү эшикти сыртынан бекитип чыгып кетти.

- Убалым жетсин, уятсыз картаң эшек, бактымды байладың! - деп Дамира артынан айтып калды. Үйдүн ичине чоң кара челекти коюп койгон, бутун чечип көгала болуп жооруп кеткен жерлерин ушалап көз жашын көлдөтүп отурду: "Эмнеге таежем аны айтпады, эгерде мурун укканымда Алтыбайды алып кет демекмин эми кантип элге көрүнөм, Алтыбайга кантип барам, андан көрө өлгөнүм жакшы эмеспи, мени таежем издеди бекен, Алтыбай эмне деп ойлоду", - деп ойлонуп суроолоруна жооп таппай эзилип жатты. Ачкадан үнү чыкпай өйдө тура албай буттары тырышып калгандыктан ооруган буту-колун кармалап жатты. Бирок алсыз кыздын колунан эч нерсе келмек эмес эле. Ачкадан өлүүнү дагы ойлоду, бирок тамакты көрүп чыдай албай бир-эки кашык ууртап алды. Кечке маал бүжүрөй басып Асек кирди:

- Жолобо жаныма, уятсыз эшек, жүзү кара! - деп атырылып сыртка карай жөнөмөк болгон кыздын буттары бүгүлө түштү.

- Дамиш, кандай десең да көтөрөм, мен сени жакшы көрөм, мени балалуу кылсаң болду, төрөгөндөн кийин колу жолуң бош.

- Эмне, мен төрөп беремби? - Эси эңгирей жек көрө карады.

- Ооба, мага төрөп берсең эле болду.

- Оюңа дагы келбесин, как баш десе, баладан айлан!

- Мейли, каргап-шилесең дагы кайылмын, - деп кайра чыгып кетип тамак көтөрүп кирди, - Ачка болдуң, тамак ич.

- Ичпейм, ушу сенин жүзүңдү көргүчө ачкадан өлгөнүм артык.

- Кой антпе Дамиш, - деп карылуу колдору менен кызды калчылдай кармап төшөккө жыкты. Кыз тыбырчылаганы менен карылуу эркекке алы жетмек эмес эле. Ошентип көлдөгөн көз жашына карабай күнү-түнү кулпулап, жанына тамакты коюп чоң кара челекти күндө сыртка алып чыгып төгүп кайра келип жүрүп үч ай өтүп кетти. Качып кетүүнү ойлоду кайда бараарын билбейт, Асек киргенде өлтүрүп койгусу келгени менен дити барбады, жаштыгынан коркту, өлүп калгысы келгени менен анын жанына эч нерсе койбойт, бара-бара аялындай эле түнкүсүн бирге болуп, бүжүйгөн кызды кучагына кысып ырахаттана өпкүлөп жалынып-жалбарып турат.

- Убалым жетсин какбаш, - деди дагы бир күнү.

- Мени как баш кылган сенин таежең, төрөбөгөндөн кийин кетип калса мен эбак аял алмакмын.

- Мен сени менен бир күн дагы тура албайм.

- Көнүп кетесиң, таежеңди алып келип алабыз, - карсылдады Асек.

- Жүзү кара экениңди мен мурда эле билчүмүн, мынчалыкка бараарыңды билбегенмин, - Ар түнү ушинтип койнунда бүк түшө боздоп ыйлаган кыздын айткан сөздөрү, каргышы аны ырахатка бөлөгөндөй унчукпай жата берет, - Мен таежемдин көзүн кантип карайм?

- Боло берет, илгертен эле өзү төрөй албаган аялдар жакын сиңдилерин токол кылып алып берчү, - деп эркелете кучагына кысканда бетин басып бүрүшө жатып калат бечара кыз. Кандай кылаарын дагы билбей башы маң. Үч айдан өткөндө Замира эч дайыны чыкпаган жээнин издеп кирди. Бара турган жери деле жок эле, тоо-ташты мекендеп ар кайсы жерлерде дубал үй салгандардын аралары бир топ, көчө да түшпөгөн. Канат болсо күндө келет, дайынсыз кеткен эжесинин кайда жоголгонун билбей ыйлап отуруп кетет. Бир күнү Замира жалгыз отуруп: "Бул ошонун эле колунан келди, кокус көнбөй койсо өлтүрүп коюшу да мүмкүн, кой мен Асекке барып байкап келейин", - деп таң азандан келди. Эки жагын карап үйгө акырын кирмек болуп каалгасын түртсө бек экен, абайлап карап көрсө ичинен илинүү экен, оозгу бөлмөдөгү кемеге тамдын керешкесин түртүп кирип семиз койдун эти илинип турган экен, жаңы эле тамак жасаганы билинди, казанда тамак бар үчүн капкакты жаап үстүнө таш коюп коюптур: "Жүзү кара, Дамишти камап алып жашап жаткан го, же Дамиш өзү да көнүп калдыбы, ай кудай ай эмнени эле ойлонуп жатам, башка аял менен болуп жүрбөсүн" - деп ойлонуп кемегенин боюндагы ташка отуруп алып өзүнүн эмне кылып жатканын сезбедиби, же үч айдан бери Дамираны ойлоно берип жалгыздыктан ичкен жегенин билбей ачка болгонгобу казандан өзү жасап жүргөндөй электетип семиз эт аралашкан тамактан кесеге куюп иче баштады. Көз алдында күйөөсү Асек, анын жанында эркелеп жаткан Дамира элестеп көзүн ачып-жума башын чулгуп алды: "Жок-жок, ал ага болбойт, башка аял болсо керек, же бир жакка кеткендир, кой мен кетейин", - деп тамагын түгөтпөй эле очок башына коюп койду да ордунан туруп дализден чыгып баратканда эшик ачылып Асек чыга калды, колунда эки киши ичкен идиш, Замираны көрүп эле:

- Замира, качан келдиң? - деп тайсалдай калды.

- Мен… мен кайда кеттим эле? - деди ал Асекти көрүп өзүнүн эмне болуп турганына көзү жетип-жетпей, - Мен тамак эле бышырбадымбы Асек.

- Замиш, сен ооруп калган жоксуңбу? - Асек аны кармай калды.

- Жок-жок, эч жерим ооруганы жок, азыр тамакты алып кирейин, - деп кайра дализ жакка басканда Асек чоочуп кетти.

- Замира, кирчи үйгө, үйгө кирип эс алчы.

- Ыя? - деп Асекти бир саамга карап туруп анан өзүнө келе калгандай шарт артына бурулуп шашыла жөнөдү.

- Замира, жүрү үйгө кирип сүйлөшөлүчү, - деди Асек артынан.

- Жок, менин сенде сөзүм жок!

- Менин сага айтаарым бар, - Асек аны көздөй басты.

- Эмнени айтасың? - Бурула карап калды.

- Отуруп жай сүйлөшөлү.

- Айтаарыңды тез айт кетем.

- Замиш, экөөбүз кеңешишибиз керек.

- Сен…

- Ооба мен Замиш, чоң каталык кетирдим, бирок…

- Эмне, чоң каталык дейсиңби, ушу сен Дамишти… - Замира Асекти көздөй калтырай басып келди.

- Мен Дамишти уурдаганмын Замиш.

- Жүзү кара! - Замира ачуу чаңырып Асекти жакадан алып жулкудатып жатып шалак дей түшүп жыгылып калды.

- Замиш, - деп Асек аны жакка чапкылаганда эсине келбей койду эле көтөрүп үйгө алып кирди. Дамира Асек менен сүйлөшчү эмес, жасаган тамагын ичип алып ойлонуп, ыйлап жата берчү, - Дамиш, бери келчи, таежең ооруп калыптыр, - деп Асек төшөккө жаткыра коюп алакандары менен жаакка аста чапкылап жатканда Дамира чыга калды.

- Таежеме эмне болду? - деп ыйлап келип башын көтөрүп көздөрүн кармалап бетине чапкылап жатканда көзүн ачты Замира.

- Сен кимсиң? - деди Дамираны жаңы көргөндөй, ал оозуна сөз кирбей көз жашын төгө берди, бир нерсе дегенге кудурети жетпей буркурап жатты.

- Замира, эс алдыңбы, коркутуп ийдиң го? - деп Асек анын жүзүнө тигилгенде.

- Силер кимсиңер, мени биерге эмнеге алып келдиңер? - деп өйдө болуп ордунан турмак болгондо Асек кармай калды.

- Замира, жатып эс алчы, сен ооруп турасың.

- Мен оорубай эле турам, кой үйүмө кетейин, Дамиш келип калса таппай калат, ал мени издейт да, - деп туруп баратканда Асек үндөбөй отуруп калды. Дамира буркураган бойдон төркү бөлмөгө жүгүрүп кирип кетти. Эмне кылаарын билбей шалдайган Асек көпкө отуруп анан артынан чыгып жетип үйгө кайра алып кирди. Дамирага каратып коюп тээ айылдын башындагы молдого барып алып келмек болуп жөнөдү. Замираны издеп Турдубек менен Канат келип калды, Дамира ички бөлмөдө болчу, Асек аларды көрүп эле алдынан тосо чыкты.

- Келгиле баатырлар, кайдан бу?

- Эжем келген жокпу? - деп Турдубек дароо эле суроо узатты.

- Келген ооруп жатат, молдого дем салдырып жатам.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Билбейм, киргиле үйгө, - Асек башка эч нерсе айтпай ичкери жол баштады, Замира ар кайсыны сүйлөп жатып дем салып жатканда уктап кеткен, Турдубек менен Канаттан Асек чоочулап турду, ички бөлмөгө кирип Дамирага айтты эле ал ого бетер ыйлап отуруп алды, молдо дем салып бүтүп анан Асекти карады.

- Оорулууга тынчтык керек, ойгонгондо ар кайсыны сурабай өз жайына койгула, - деди кетмек болуп, - дагы эки жолу дем салып берем.

- Рахмат молдоке, деги оорусу жакшы элеби? - деп сурады Турдубек озуна.

- Коркунуч жок, жалгыз калтырбагыла.

- Макул, - деди Асек, - Жалгыз калбайт, - Молдону узатып киргенден кийин өзү дасторкон жая баштады эле Турдубек аны токтотуп койду:

- Сиз туура кылган жоксуз, ушунча жыл жашап келип эжемди үйдөн чыгарганыңыз эмне деген жорук, мен алып кетемин үйгө.

- Туку, мен Замираны кет деген жокмун, өзү кетип калган, канча жолу үйгө кайт деп барсам болбоду, эми биерде эле болсун, өзүм эле карайын, - Асек кайнисинен көздөрүн ала качып жер карап сүйлөдү, ал андан да Дамира билинсе эмне болоорун ойлоп өзүнчө кабатыр эле, эптеп Замираны көндүрүп алса анан аттуу-баштууларды ортого салып алдынан өтмөк болуп жүргөн.

- Макул, биз келип турабыз, Дамираны таппай жатабыз, болбосо өзүбүз эле карайт элек, эртең райондун борборуна барышым керек, - деп Турдубек тура жөнөдү, Канат он-он бир жашта, ал тагасын ээрчий чыкты.

- Кабатыр болбогула, Замиш үйдөн эми кетпейт, - деп узатып кала берди, үйүнө кирсе Замиранын жанында Дамира отуруптур, көздөрү шишиген, кабагы бүркөө, - көлөкөм десе, ыйлай бербечи, таежең сакайып кетет, үчөөбүз ынтымактуу өмүр сүрөбүз, сен бизге уул-кыз төрөп бересиң, - деп аны чачынан сылай бергенде анын колун силкип ийди Дамира:

- Тарт колуңду жүзү кара!

- Кой эркем антпе, бизди кудай кошту, эми биз түбөлүк бирге болобуз, - деп тайсалдай түштү Асек.

- Сен! Сен зордукчулсуң жүзү кара айбан, макулуксуң сен, эми таежем менен бет маңдай отуруп жүздөшөт деп турасыңбы, мен сендей айбан эмесмин, менин бетим чыдабайт ага, сага бала төрөп бергенче өлгөнүм артык! - деп эшикти көздөй жүгүрдү эле Асек аны чыгарбай кармап калды.

- Дамиш, анчалыкка барба, сенин тагдырың менмин, өмүр бою кулуң болоюн, сен меники болсоң эле болду, - деп Асек кызды сооротуп жатты. Замира аз-аздап сакайып келе жатып, акыркы келген күнүн эстеди, ошондо гана Асектин: "Ооба, мен Дамишти уурдаганмын", - деген сөзү эсине түшүп түн бир оокумда жаткан жеринен атып турду, өзүнүн келин болуп келген үйү башынан жаман-жакшыны өткөргөн үйүндө экенин билди дагы ички бөлмөнүн эшигине кандай жеткенин сезбей калды, каалганы күч менен тартканда карс эте ачылып кеткен эшиктин дабышынан Асек менен Дамира ойгонуп тура калды.

- Замира! - Жаткан жеринен ыргып турду.

- Акмак! - Калчылдап турган күйөөсүн, карышкырдын маңдайында коркконунан бөжөйүп турган коендой бүрүшүп, өздөрү жалдырай үнсүз жаш куюлган Дамираны көрүп кайра чыгып кетти да ашканадан бычак издеп таппады, Асек андай буюмдарды катып койчу болгон эле, бир кезде сыртка атырылып чыгып отун жарган чоң балта турчу жерге жетип колуна алды да үйгө кирип келе жатып: "Мен эмне болуп жатам, буларды өлтүргөндө не пайда", - Дамирада не күнөө, тиги жүзү кара болбогондо ал дагы бирөөнүн жары болуп өз бактысын тапмак, кой мен шайтанга азгырылбайын", - деп артына кайрылып короодон чыгып баратканда Асек аны жетип кармап калды.

- Эч жакка кетпейсиң Замира, мен Тукуга өзүм караймын деп айткамын, сен али жакшы сакая элексиң, өзүңө карасаңчы.

- Менин деним таптаза, кое бер мени, сени элге шерменде кылбасам элеби, районго барып милиция алып келип каматам, сен токол алчуудай байбатча эмессиң, башка аял издесең болбойт беле, жаш бечаранын бактысына балта чаппай, - деп жулунганына карабай үйгө жетелеп алып кирди.

- Замира, мен сени ушунча жыл бою бирге жашап акылдуу аял дечү элем, мени балалуу болсун десең адегенде өзүң ыраазылык бер, - деди үйгө кирип келе жатып акырын сүйлөп, - Дамиш сенин бир тууганың болгондо мен унчукпайт элем, ал сенин жээниңдин кызы го, араңар анча жакын эмес, сен муну санжырачыдан сурасаң дагы калыстык кылат, урууңар такыр башка болуп жатпайбы?

- Асек, сен айбан болуп калыпсың, - деп Замира бозоро отуруп калды: "Ырас эле, атамдын жээнинин кызы да, алар башка уруудан, демек шарият деле жол берсе керек, а жаштыгычы, кокус Дамиш өзү унчукпай калсачы, тагдырына тан бербеген ургаачу барбы, Асек али элүүгө чыга элек, мен ыраазылык беришим керектир", - деп ойлонуп тунжурап отуруп калды. Дамираны али үйдөн чыгарбай кулпулап жатканына көрүп үн дебей күйөөсүнө боору ооруду, өз мезгилиндеги куракты ойлоду, чынында бул кезде сүйөм-күйөм, - деп басып кеткен кыздар чанда эле, ата-энеси кимге тийесиң десе тийип кете бере турган кез. Ошентип бир жумадай ойлонгон Замира Дамираны кашына чакырды, Асек экөөнү отургузуп алып өз оюн айтып отурду:

- Асек, сен туура кылбадың, - деди ойлуу, - Арадан өткөн убакыт кыздын бетине чиркөө болот, менин төрөбөстүгүмдүн жазасын жээнимден алгың келди…

- Замиш, мен чынында дагы балалуу болушум керек.

- Болуптур, - Замира Дамираны карады, - Эмне дейсиң садага, сен буга кандай карайсың?

- Таеже-е, - Дамира баятан бери эле көз жашын көлдөтүп отурган, сүйлөй албай эле буркурай берди.

- Пешенеге жазгандан буйтай албайсың садага, мен ошондон качкамын, бирок аягы бул болду, бактылуу бол дегенден башка аргам жок, - Асеккке кайрылды, - Эми өз билгениңди кыла бер, мен өз жашоомду улантайын.

- Дамира, сага ыраазымын, сен кетпе, Канатты дагы биерге алып келип чогуу бололу, мен Тукуга барып алдынан өтөйүн, - деди башын жерге салган Асек, - Ырым-жырымын жасайын, сен баш көз бол, салт ушундай эмеспи.

- Мен үйгө барайын, Канат мени менен болот, силер эми өзүңөрчө эле болгула, мен уруксатымды бердим, - деп ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Зыңгырай ойлуу сыртка чыгып баратканда короонун жанынан өтүп бараткан Отунчуну көрүп токтой калды, ал өздөрү менен теңтуш катышып жүргөн аяшы эле. Замираны көрө коюп:

- Арбагыла, кандай жакшы жатасыңарбы? - деп атынын башын бура токтоп калды.

- Шүгүр, бала-чака чоңоюп жатабы? - Кымырыла аста басып учурашты.

- Жатышат, Сатимбү сени сурап жатты эле, барып турсаң боло, Асек үйдө элеби?

- Ии-йи, үйдө эле…

- Ээ Замира, бир бир имиш угуп эле ишенип ишенбей жүрөбүз да? - деп Отунчу аны суроолуу карады.

- Эмне деген имиш экен? - Карагысы келбей жолун улай сурады.

- Замира, биз эми табалагыдай бөлөк бөтөн эмеспиз, канча жылдан бери даамдаш болуп келдик, силерди ажырашыптыр деп эле угабыз, келип кеткенге кол бошобойт, Асек деле каттабай калды.

- Ажырашканыбыз чын, досуңарды балалуу кылып кубанта албадым, - Замира ички бугун, ызасын арманга кошуп кылк эттире шилекейине кошуп жутуп алды.

- Капаланба аяш, ал эми кудайдын буйругунан да, кайгырба аяш, эми Асек эмне кылып жүрөт?

- Үйдө эле.

- Макул, мен шашып жаттым эле, үйгө барып кел аяш, Сатимбү сени көргүсү келип айласы жок жүрөт, чер жазышып өткөн кеткенди сүйлөшөбүз.

- Бир күнү бараармын, менден салам дуба де.

- Айтам аяш, сөзсүз айтам, көрүшкөнчө аман бол, - Отунчу атын темине бастырып баратты.

- Өзүңөр дагы аман болгула, - деп Замира аны узата карап: "Эмне деген имиш болду экен, Дамирага үйлөнгөнүн угушса эмне дешет, эскинин салты деп милициясы келип Асекти кесип ийбес бекен, Дамира жаш да көнүп кетет, мен туура эмес кылган экенмин, өзүм эле эл чакырып алып берип койсом болмок экен, эми да кеч эмес, башында болуп нике кыйдырайын, балалуу болсо өзүм багайын", - деп ойлонуп төштүн түбүндөгү жапыз тамдарды көздөй жөнөдү, алардын жанында эки-үч үйлүү түтүн жашашат. Күүгүм кире жепирейген үйгө жетип үлпүлдөгөн фанар чыракты күйгүзүп тизесин кучактай ойго батып тунжурай ойлуу отуруп таң атырды. Көп өтпөй эле Асек Замиранын эки агасы менен инисинин алдына барып эки бээ берип кечирим сурады, сөз билген билерманы, айылдын кадырлуу аксакалын, өзүнүн эки ата өткөн тууганын, жакшыларын ээрчитип барганда алар эчтеке дей алышпады. Ошентип Асектин көңүлү жайланып Дамирага эч нерсе жасатпай көзүнүн агы менен тең айланып жүргөндө кубанычтуу окуя болду, Дамиранын тамакка табити тартпай, уйкудан көзү ачылбай уктай берчү болду. Замира көптөн бери келбей калган, ал Канатты жанына алып өзүнчө тиричилик өткөрө баштаган эле, кээде гана Канатты жөнөтүп ал-абалын билип турат. Бир күнү түш ченде Асек өзү келип калды.

- Жакшы жатасыңарбы Замира?

- Шүгүр, өзүңөр кандай жатасыңар?

- Дурус эле, үч-төрт күндөн бери Дамиш эчтеке ичпей эле уктап жатат, жүрөгүмө эчтеке барбайт дейт, ооруп калдыбы деп корктум, өзүң барып сурап көрсөң кантет?

- Кусуп жаткан жокпу?

- Жо-ок, табити такыр жок, тамак жасатпай жатат.

- Макул, мен анан барам, - деп Замира ойлонуп калды: "Кош бойлуу болуп калган го, өзүм билбесем дагы уктум эле, барып келейин", - деп Канатты ээрчитип алып жетип келди, Дамира жатып алган экен.

- Таеже, - деп тура калды.

- Табың айнып жатабы?

- Ооба таеже, тамактын жытына көөнүм айланат.

- Кудай бериптир, боюңа болуп калган тура, Асекке айтайын, - деп козголо бергенде Дамира анын бутунан бекем кучактап калды:

- Кагылайын таеже, өзүң мени багып чоңойтуп адам кылдың эле, мени кечир, сенин алдыңда күнөөлүүмүн, ага айтпай эле кой, мен муну төрөгөн соң баш оогон жакка жоголом, жүзүңдү кароого дитим барбайт, өлөйүн деп өлө албадым, кечир мени таеже! - дегенде Замира көзүн жума зээни кейий бир аз туруп анан эңкейе калып кучактап чекесинен өптү:

- Бул сенин күнөөң эмес садага, бул сенин, менин тагдырыбыз, жоголом дегениңди кой, бала сенин бактың, өмүрлүү болуп баланын кубанычын, рахатын көр кагылайын, мен ыраазымын, сенин көзүңдөн жаш көрбөйүн, - деп ыйлап жатты.

- Эжекебай, неге-неге менин пешенем ушундай?

- Мезгил ушундай, далай кыздар өз теңине жете албай зар какшашып өтүп жатат, качандыр бир кездерде баары башкача болот дешет, ошондо сенин балдарың менен кыздарың каалагандай жашашат, акырындык менен заман оңолот, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келет дешет, - деп сооротуп чачынан сылап көпкө отуруп анан, - Сен көп ыйлай бербе, менден тартынба, Асекке айтайын, пешенеге жазган жазууга моюн сунуп жашоого үйрөн, - деди да ички бөлмөдөн чыгып келе жатып Асекти көрдү.

- Замиш, ыраазымын сага сүйүнчүнү өзүм даярдайм, баарын уктум.

- Кут болсун, Дамиштин көңүлүн оорутпа, төрөгөндө өзүм келем, - деп кайра Дамира менен коштошуп Канатты ээрчитип үйүнө жөнөдү, Асек эртеси ага бир койду союп, бир койду козусу менен жетелеп келип берди. Күткөн күн келип Дамира уул төрөдү, Замира жанында болуп өзү карап жатты, Асектин кубанычтан көз жашы төгүлүп туугандарын чакырып жээнтек берди, ошондон он чакты күн өткөндө Дамира Асекке:

- Айткан сөзүңө туруп башымды азат кыл, - деди мисирээ.

- Дамиш, сен кетесиңби? - Асек үңүрөйө жалдырап карап калды.

- Кетем, менин жолумду тоспо!

- Баланы кантем?

- Өзүң билесиң, менин мындан ары чыдаганга чыдамым жетпейт.

- Мен Замирага кеңешейин.

- Мени уурдаганда кеңештиң беле? - Акырая карады.

- Ал үчүн көзүм өткөнчө күнөөлүүмүн, кызыл эт баланы кантем? - деп ыйлап, мурутунан ылдый куюлган жашы ээгинен төшүнө тамп жатты.

- Асек, сыртка чыгып турчу, - деп Замира кирип келди, Асек күнөөлүүдөй башын жерге сала чыгып босогодон тыңшап туруп калды, - Дамиш, сен эми эне болдуң, айбан дагы баласын таштабайт, энеңден-атаңдан ала албаган мээримди эми сен балаңа төк, балаң үчүн жаша, болбосо балаңды да ала кет, же өлтүрүп туруп кете бер, мени эмес энеңдин эң акыркы сөзүн эсте, Канаттын келечегин ойлон, аны үйлөнтүп адам кылыш милдетиң экенин унутпа! - деди да ороодогу он күндүк наристени алдына жаткырып коюп чыгып кетти. Дамиранын көз жашы дароо соолуган булактай кургап көз алдына апасынын: "Кызым, силерди өзүм экөөңөрдүн адам болуп үй күтүп бактылуу болгонуңарды көрө албадым", - деген сөзү алыстан кулагына угулгандай алдында бейкапар гана быйпыйып уктап жаткан наристесин бооруна кысты: "Ооба апаке, мен Канатты өзүм адам кылам, уулумду эч кимге таштабайм", - деп өпкүлөп кирди. Асек менен Замира сыртта карап турушкан, Канат сырттан кирип келип:

- Таеже, Куту тайкем чакырып жатат, - деди.

- Эмнеге?

- Тажыкан таежем тойго чакырыптыр, тез келсин дейт.

- Азыр барам токтой тур.

- Макул - деп ички бөлмөгө кирип эжесинин колундагы наристени алып көтөрүп алып, - Эже, балаң мага окшош экен ээ? - деп кубанычтуу күлүп эки ууртунан өөп койду.

- Сага гана окшош, сен менин баарымсың садагам, уулум экөөңөр менин бактымсыңар, - деп Дамира жылмайганда аны уккан Замира менен Асек бири-бирин карап жылмая баш ийкешип коюшту. Канатты ээрчитип алып Замира инисиникине келди. Ал күнү сүйлөшүп, кеңешип алышып эртеси эрте жөнөмөк болушту. Тажыкан казыбектин эң улуу кызы, колунда бар жакшы жерге турмушка чыккан, кыздары күйөөгө тийип, уулдары үйлөнүп калган, эң кенжеси үйлөнүп келин тойго чакырган эле. Замира ал күнү өз үйүнө келди, ал Канат чоңойгончо ал үйдө туруп үйлөнтүп жайлантып анан көңүлү тынганда гана инисиникине кетем деп жүргөн. Дамира уулун карегиндей карап, жашоого жаңы көз караш менен карап, Асек менен бир аз жумшак сүйлөшүп, турмуштун аң-дөңү көп, ийри-буйру жолдоруна түшкөнүн сезип жашай баштаган. Ошол айылда бир колунда бар байдын атасына аш берип көп адамды чакырганын угуп кокту колото жайгашкан элдер агылып келе башташты. Дамиранын уулу бир жаштан өтүп калган, аты Сурабалды, уулун көтөрүп алып тойго жөнөп калды, жанында аялдар менен бирге Замира дагы бар эле, жанынан топтошкон атчандар өтүп калды. Жол бошото бергенде өтүп бараткандардын бири кайрыла калып:

- Дамира, бул сенсиңби? - деди эле аялдар токтоп калышты, уулун Замира көтөрүп келе жаткан, Дамира Алтыбайды көрүп селдээ туруп калды, - Дамира, эмнеге унчукпайсың, мен сени…

- Унчукпа, мен өлгөмүн, эбак өлгөмүн! - деген Дамира артына карай жүгүрүп кетти, Алтыбай анын артынан бастырып жөнөгөндө Замира аны токтотмок болуп оозун таптап барып жанындагы аялдардан айбыгып унчукпай жолун улады, ансыз дагы жол ээн эле, айылдан окчун жерде бадырактай аппак он чакты үйлөр тигилип көрүнүп турган.

- Капырай бул кимиси эле, Сарымсактын уулу го тиги, - деди бири.

- Ким билсин, жаштар да.

- Эл көрсө кеп-сөз болот дебей калышты го азыр.

- Ошону айтсаң, - дешип жанындагылар шыпшынып баратышты, бир гана Замира үндөбөдү, анда аны бир карап алган Канышай деген аял аны сынай минтти.

- Замира, күндөшүңдү аяп жатасың го, болбосо токтотот элең.

- Канышай, анын да жүрөгү бар, жаш эмеспи, бул жашоодо бири-бирин арзыбаган жан болбос, акыркы жолу жолугушуп сыр чечишип алуусуна эмнеге болбосун? - деди Замира алдыга кетип жаткан калыбында.

- Туура, бир кезде биз деле сүйбөдүк беле, анын үстүнө бир баланын айынан бул байкуш деле кара чечекей жээнин өзү алып берип отурбайбы, ал бечаранын арманын ким билиптир, бала дагы сүйсө керек?

- Койчу айланайын, сүйү-пүйүүнү билбей эле атам тандап берген эрим менен жашап келе жатам, - деп Канышай чач мончогун шарактата басып баратканда беркилер бири-бирин карап ооздорун мурчуйта унчукпай Замирага катарлаша кете беришти…

Алтыбай Дамиранын артынан жетип тосуп аттан ыргып түштү, ал өтүп кетүүгө аракет кылганда карыдан кармап алды:

- Эмне болду Дамиш, эмнеге мени алдадың, сүйбөгөн болсоң ачык эле айтпайт белең?

- Айта албадым.

- Неге, мени ошентип шакаба кылгың келдиби?

- Ал менин шакабам эмес, экөөбүздү тең тагдырыбыз шакаба кылды.

- Кантип, жооп берүү ошончолук эле оорбу?

- Жооп таппай ушинтип сенин маңдайыңда турганча өлгөнүм артык эле…

- Дамиш, сенин сөздөрүңө түшүнбөдүм? - Эки карыдан кармап силкилдете көздөрүнө тигилди, - Кана көзүмө тике карачы!

- Мени кыйнабачы Алтыш, - Дамиранын көздөрүнөн мончок жаш жүзү ылдый агып жатты, - Мени кыйнабачы?!

- Дамиш, мен сени кандай издедим, күттүм ар убак, качан гана сени Асек байке алыптыр дегенди укканда жинди болуп кете жаздадым, неге андай кылдың, ал сенден канча улуу, же таежең сени ошого тий деп кыйнадыбы, айтчы мага, сенден чынын угуп жүрөгүмдүн оорусу басаңдасын, көкүрөктү тээп чыга албай турган бугум чыксын.

- Айта албайм, - Дамира башын чайкап ыйлай берди.

- Эгерде зордоп алып кеткен болсо мен азыр аны өлтүрөм!

- Жо-жок, бул менин өзүм менен гана кошо кетчү арманым, айта албай турган сырым Алтыш, сен менин арманым, күйүтүмсүң, эстегенде сенин элесиңди көз алдыма келтирип, сезимимде калган жакшы кездерди ойлоп саамга бактылуу болуп ошол күн менен гана жашай турган болоюн, мени жайыма кой, кадырыңа жетип, сүйүүңө татый турган жанга жолугуп бактылуу бол, сенин амандыгың менин бактым экенин унутпа, кош бол! - дегенде Алтыбай колдорун бошотпой туруп шарт бооруна кысты.

- Карлыгачым, сен деп күүлөнүп турган канатым кайрылды, үмүтүм өрт өчкөндөй жалп этти, жарык күнүм караңгыга айланып түн болуп карайганда, мен үчүн ата-энем чарк көпөлөк айланып жанымдан чыкпай көңүлүмдү гана карап турат. Мен ошолор үчүн жашоону эп көрдүм, алардын менден башка кубанычы, бактысы жоктугунан аларды бактылуу кылгым келди. Акыры үйлөнүүгө аргасыз болдум, кантебиз, коштошууга туура келет, бактылуу бол ардагым, сени мен башкача сүйдүм, эми жанымдагы аялды ата-энем үчүн гана карап жашайм, бул дүйнөдө бирге боло албасак кийинки жашообузда кошулаарбыз, кош бол! - деп кое берди, Дамира артын карабай солкулдаган бойдон кетип баратты. Ал үчүн азыр калган өмүр жолу бир тең, бүгүнкү күнү бир тең эле, бирде өзүн эч жанга теңелгис бактылуу сезсе, бирде жер үстүндө тирүү өлүк катары күн көргөн макулуктай сезип турду. Бактылуу сезгени аялуу аздектеген аруу сүйүүсүнүн ээсине жолукканы, уулу менен иниси өмүрүн сактап калганы, бактысыздыгын түбөлүккө жүрөгүндөгү аруу сезим менен гана жашап, каалабаган адам менен бир өмүр бирге болууга болгон аргасыздыгы. Ал күнү ал кечке айылдын орто чениндеги ээндиктеги Алтыбай экөө жолугушчу жерде жүрүп кеч келди үйгө көздөрү шишиген, эч кимиси үндөбөдү, бала ыйлап жаткан экен, анын алып эмгизип, Замира даярдаган тамактан ичип жатып калды. Ошентип өмүр таңы атып, билинбеген тиричиликтин түйшүгү менен кеч кирип өтө берди, Дамира удаа-удаа төрттү төрөдү, Замира анын балдарын өз баласындай багып үйүнө кете албады. Канат бойго жетип калганда аны Асек өзү үйлөнтүп үйүнө бөлүп койду, ошондо дагы кете албады. Дамира кийинчерээк чырт этме кыял күтүп сиркеси суу көтөрбөй баратты, ал жан дүйнөсү жабыркап тагдырына нааразы болуп жүрөгүнүн түпкүрүндө орун алган ыйык адамын эңсеп, сагынып бир көрүүгө зар болуп туруп алганын сезди, бирок ошол кезде Алтыбай дагы катуу ооруп төшөктө жаткан, эки балалуу болгондон кийин ата-энесинин көзү өтүп жашоодо өзүн жападан жалгыз калгандай сезип катуу ойлонуп эчтеке билбей жыгылган экен. Аялы аны карап жаткан, күндөн-күнгө оорлошуп дөөрүй баштаганда жакын туугандары тегеректеп калышты. Балдары жаш аялы абдан жоош эле. Алтыбайды карап отурган туугандарынын бири сыртта сүйлөшүп турганда минтти, аты Калыйнур эле.

- Молдого дем салдырсак кантет, Төрө бакшыны алдыралыбы?

- Ошондо бери карап кетээр бекен? - деди эки бир туугандын баласы Эшим.

- Тамырын кармап көрдүм, эч кандай дарты жок, бирок жакшы билбей турам, - деди Калыйнур.

- Бүбү-бакшыны алдыралы, жаш немеге убал, балдары жаш.

- Ошентели, - дешип бир пикирге келишкенден кийин анан аялына айтышты, ал макул болду. Бирок Жамалдын көкүрөгүн өйүгөн бир нерсе аны ойго салып турду, Алтыбай катуу ооруп жыгылганда "Дамира, Дамиш, мени таштабачы Дамиш, мен сага барам", - деп сүйлөп жатып эч нерсе билбей калган. Азыр ошону айткысы келгени менен унчуга албады. Ошентип Алтыбайды бүбү-бакшы менен молдого көрсөтүп жатып баш көтөрүп баратты, бирок аялына кылчайып карабайт, балдарына түшө калат. Төшөктөн тура элек болсо дагы көңүлү сергек, аны карап жаткан бүбү Анипа кемпир бир күнү жалгыз отурганда.

- Балам, сенин дартың махабаттын кусалыгы, аялың укпасын сен бирөөнүн азабын тартып жүрөсүң, сен деп дагы бир аял азапта экен, ашыктык оорусу пайда алып келбейт, - деди акырын.

- Эмне кылышым керек эне?

- Сен санаага чөкпө, өзүңдү кармап сабырдуу бол, менин айтаарым сен эми ага жетпейсиң, эгерде балам жолугушсаңар кайрадан үмүт оту жанып бириңди-бириң көргөндө кайрадан ооруйсуңар, мен ага жолугушум керек, ким экенин айт.

- Эне, ал менин жүрөгүмдө гана жашай берсинчи.

- Болбойт, анда сен бул оорудан сакая албайсың, балдарыңды ойлон, өмүр бир гана келет балам, сен сыноодосуң, ошону үчүн чыдашың керек, сыноону көтөрүшүң керек балам, терең ойлонуп көр, - деп бүбү кемпир чыгып кетти. Алтыбай ойлуу жатып калды: "Менин өлүшүм кимге жакшылык, кимге жамандык алып келет, албетте балдарыма жаман, тууганым аз, душманым көп, өмүр деген өтө берет тура, Дамира дагы бала-чакалуу болуп калды, бактылуу болсун, неге ал менден сырын жашырды, неге айткысы келбеди, мейли анын амандыгына ыраазы болоюн, ошону жок дегенде бир көрүү үчүн жашайын", - деп ойлонуп жатты. Алтыбай өзү чоң улакчы жигит, досу Арстанбек келип турат, ал ойлонуп жатканда дагы кирди.

- Дос, ал-абалың кандай? - Шадылуу колдорун сунду.

- Дурус, отурчу жаныма.

- Жайчылыкпы?

- Жайчылык эле, сени менен кеңешчү сөз бар.

- Айта бер, кулак сенде.

- Бүбү энеге чындыкты айтышым керектир, а сен кандай дейсиң? - деп бүт айтып берди, - Ошондой досум, сенден сыр жашырган жок элем, ага сен айт.

- Жарайт, сенин жүрөк ооруңду жакшы билем, бүгүн эле айтам, досумдун кайрадан ат үстүндө ойногонун каалайм да, - деп күлүп койду, Жамал алдыларына тамагын коюп Алтыбайдын сакайып баратканына ичинен шүгүрлүк кыла ойлонуп отурат. Кечке маал Анипа бүбү келди, ал Дамирага бармак болуп келген.

- Балам, мен сенин ден-соолугуң жакшы болуп кетсин үчүн колумдан келгенин жасайм, бир шарт менен.

- Кандай шарт?

- Мен ал келинге жолуккандан мурун сен жолугушуң керек, андан кийин жүз көрүшүүңөргө болбойт, мен өз кишилерим менен сүйлөштүм, абдан кооптуу.

- Ансыз да күндө же айда-жылда жолукканым жок, бир жолукканыма шүгүрчүлүк, - деди Алтыбай шар эле. Ошол эле күнү Анипа Асектин үйүнө келди, алар кечки тамагын ичип жатышкан, Дамира бир күн оору, бир күн соо болуп жүргөн, ал эчтеке ичпей жатып алган, Анипаны көрүп Замира ордунан тура калып:

- Кел Анипа эже, кел, - деди шашыла.

- Келдим, жакшы жатасыңарбы? - Ал учурашып көрсөткөн орунга отурду, - Бала-чака тынчпы, мал-жан аманбы?

- Кудайга шүгүр, өзүңөр тынчсыңарбы?

- Шүгүрчүлүк, мени силердикине өз кишилерим алып келди, бирөө ооруп жаткан го үйүңөрдөн? - Анипа чөжүрөгөн балдарды, Замира менен Асекти карады.

- Ооба-ооба, касиетиңден айланайын бүбү эже, аялым ооруп жүрөт, - деп Асек төрдө чүмкөнүп жатып алган Дамираны карады.

- Ээ бечара ай, оорусу өтүшүп кете электе мазарга барсын деп жатпайбы, түнү бою уктай албай кыйналып чыктым.

- Кудай колдосун, - Замира Дамирага кайрылды, - Дамиш турчу, сени эжең көргөнү келиптир.

- Ботом, күүгүмдө жаткан болбойт, ушул кезде шайтан шабырлар учуп жүрүшөт, бул күүгүмдө аргасыз гана тура албагандар жатат, ден-соолук деген табылбайт, тур айланайын, - деп шыпшына Анипа бүбү дагы Дамира жаткан жакка башын бурду. Анипа уктаган деле эмес, өзүн жаман сезип эле кыжаалат болуп эчткеге көңүлү келбей жатып алган, ал туруп келип учурашты да отуруп калды, - Сени беймаза кылган бир гана оору балам, жүрөгүңдө бар окшойт?

- Жүрөгүм эле мыжыгат, эмне экенин билбейм.

- Эртең жума, сени Талды-Булак мазарына алып барам, ошондон кийин куландан соо болуп кетесиң, - деп Анипа бир чыны чай ичип эле кайра жөнөдү, Дамираны акырын нукуп койду эле ал аны узатып чыкты, - Сени менен эртең орто жондон жолугабыз, - деди да шыпылдай жөнөп кетти. Дамира таңгалып кала берди, эртеси айткан жерге келип эки жагын каранып турганда эки атчандын карааны көрүндү: "Менден башка да бирөөлөр барат окшойт", - деп Дамира күтүп тура берди, бир кезде бир атчан ары кетип, бири өзүн көздөй бастырды, жакындаганда Алтыбайды таанып, жүрөгү аттай туйлап не кылаарын билбей туруп калды…

Эгемберди аялы өлгөндөн бери эч ким менен сүйлөшпөйт, кирип-чыгып малын карап, неберелери менен эрмектешип отура берет, колуна күйөөдөн чыккан кызы Элмира эки баласы менен келип алган, төрт баласы өз-өзүнчө түтүн булатып кеткен. Жалгыз кызынын бактысы ачылбай төркүнүнүн төбөсүндө отурат, Элмира сулуу келин, күйөөсү кызганчаактыгынан уруп-согуп күн көрсөтпөдү. Шермат өзү милицияда иштейт, өзү ойноп күлүп жүргөн неме аялынан күмөнсүп кызгана берет. Эгемберди канча ирээт ыйлап-сыктап келген кызын кошуп берди, бирок кайра эле баягы адаты калбаган Шермат кайра уруп койгондо көчүрүп баса берген. Эки жылдан бери атасын карап ошол жерде, балдары атасына аял издеп жүрүп улуу баласы Кутман шашыла бир күнү келип калды.

- Ата, сизди үйлөнтөлү деп чечтик, эртең алып келебиз, - деди учурашкандан кийин эле.

- Балам, мени эмне кыласыңар, ушу жашымда аял алып эмне кылам?

- Болбойт, сизден улуу Турсунбай деле аял алып жашап жатпайбы, сиз көп болсо алтымыштардасыз, эртең келиндериңиз келет, - деди да Элмира менен сүйлөшүп алып кайра кетти, Курман шаарда турат, Усман менен Алман ошол айылда, телефон менен сүйлөшүп бүтүрүштү, эки күндөн кийин төрт келин-уулдары келип өздөрү менен бирге Зейнепти ала келишти, ал оор басырыктуу, элүүлөрдөн ашкан аял, төрөбөгөндүктөн күйөөсүнөн ажырашып, андан кийин үч-төрт балалуу күйөөгө тийди. Бирок аны тагдыр аерге дагы сыйгызбады, биринен балдары менен ынтымак боло албаса, бири ичкенинен тажатты, дагы биринен жетишпегенинен үйдө чыр-чатак көп чыгып кыйналып кетип калды. Ошентип акыркы дагы бир үмүтү аны турмуш жолун кайрадан басууга аргасыз кылып отурат. Аны ата-энеси барда калкалап турчу, эки агасы өз-өзүнүн көр оокаты менен болуп кеткен, бир сиңдиси жок жарды турат, ошондуктан жашы өткөн кезде жанына тынч гана жашоону каалап карыган адамга баш кошууга макул болгон. Кутмандын аялынын эжеси менен тааныш болуп ошол тааныштырган эле. Эгемберди анчалык көңүлү келбесе дагы балпайган ак жуумал аялды дилинде жактырганы менен унчукпады. Тууган уругу чогуу келип нике кыйдырышты, ошентип жашап калышты, Элмира өзү билип өзү башкарып көнүп калганга Зейнепти анча жактырбады, бирок үндөгөн жок, ал келгени тамак-аш жасап, үй ичин жыйнаганды койду.

- Эгемберди, тагдырдын жазганына айла жок экен, минтип сизге насип буйруп келип отурам, - деди үч-төрт күн өткөндө Зейнеп, - Менин сизге айтаарым бар.

- Айт, айта бер Зейнеп.

- Менин талашаар тартышаарым жок, төрөбөгөнүмдөн улам ушинтип жашымдын өткөн кезинде эшик аттап келин болууга туура келди, бир туугандарым бар, ошолорду сыйлап коюңуз, мен башканы сурабайм.

- Макул Зейнеп, сен кабатыр болбо, өзүм деле ошону сурап билейин деп тургамын.

- Рахмат, - Зейнеп кымырыла отуруп калды.

- Кай жерде турушат, киши жиберели, балдарды да чакыралы.

- Эки агам Ак-Коргондо турат, сиңдим Ысык-Көлдө.

- Дарегин жаза сал, мен киши жиберип жообуна жараша иш кылалы, - деди Эгемберди. Зейнеп аты жөнү менен дарегин жазып бере салды, Эгемберди чыгып кетээри менен Элмира:

- Такыр төрөгөн эмессизби? - деди.

- Жок, төрөсөм ушу жашта күйөөгө чыкмак белем кызым.

- Кээ бирөөлөр балалуу болушпаса деле жашай беришет го?

- Болсо болоор, менин пешенем ушундай болду.

- Сүйүп тийдиңиз беле?

- Сүйүүнү ким коюптур.

- Сулуу экенсиз, - Элмира сынай карады.

- Кайдан, кээде сулуулуктун азабынан өткөн нерсе жок.

- Ырас айтасыз, - деп Элмира ойлуу унчукпай калды.

- Күйөөң барбы? - Эми Зейнеп өзүнө суроо узатты.

- Бар болчу, эми жок.

- Сен дагы өтө сулуу экенсиң, ажырашып кеттиңерби?

- Ооба, өтө эле кызганчаак.

- Үй-бүлөөдө кызганыч болбосо кызыгы болобу? - Зейнеп мээримдүү жылмайып койду, - Үй-бүлөө чакан өлкө, аны куруш кыйын, уратыш оңой.

- Туура айтасыз, артымдан жүгүрүп жүрүп үйлөнгөн, анан эле мени кызганып, уруш-талаш болуп жашай албадык.

- Эчтеке эмес, балдарың бар экен, кайра эле келет.

- Келет дейсизби?

- Келбегенде кайда барат эле, сендей сулуу келинчегин, акактай уулдарын сагынып зорго жүргөндүр, - деди ага жылмая, - Сенин мына бул тентектериң турганда басып кете албайт.

- Ырас айтасызбы, Шермат келсе жакшы болот эле.

- Кабатыр болбо, буйруса келет, - деп Зейнеп Элмиранын көңүлүн жайгарып койду, Элмира Зейнепке ичи жылып калды: "Жакшы эле аял тура, неге жаман көрдүм экен, мен Шермат келип кетип калсам атам жалгыз калмак, ырас болду эми көөнүбүз тынч болот", - деп ойлонуп ага жардам берип өзү жасай баштады. Зейнептин эки ага-жеңеси менен сиңдиси күйөөсү менен келип кетишти, жакшы коноктоп, кийит кийгизип, алдына акча коюп анан узатышты. Ошондон эки күн өтпөй эле Шермат ата-энеси менен кечирим сурап келип калды. Элмира сыртынан билгизбегени менен кубанып жатты, алды-үстүнө түшүп жатып эки уулу менен алып кетти. Элмира Зейнеп менен жакшы коштошуп кетип жатып:

- Атамды жакшы караарыңызга ишенем, жакшы туруңуздар, - деди өбүшүп жаркылдап күлө.

- Өзүңөр бактылуу болгула, мындан ары эч качан бөлүнбөгүлө, жакшы баргыла.

- Рахмат сизге, - Элмира андан кийин атасы менен коштошуп анан машинага отуруп жөнөп кетишти. Зейнеп менен Эгемберди экөө неберелери менен калды. Улуусу он бештердеги Венера, андан кийинкиси Нарынбай тогуз жашта, кичүү небереси беште, аты Улук, үчөө үч баласынын балдары, Эгемберди неберелерин кетирбей алып жүрчү. Алар чоң атасынын эрмеги, жанынан чыкпай эрмек болуп берет, эриктирбейт дагы. Эрмек болуп эриктирбейт.

- Чоң ата, чоң апам каякта жүрдү эле? - деди бир күнү Улук.

- Эмнеге сурадың уулум?

- Келбей койду эле го?

- Аа-а, иштери менен жүрдү да балам, алыста жүрбөдүбү.

- Бизди сагынганда келди да ээ?

- Ананчы, силерди сагынганда келбедимби, - деп Зейнеп күлө келип жанына отуруп Улукту өөп койду, - А сен мени жакшы көрөсүңбү уулум?

- Ооба да, - Улук култуңдай күлүп калды.

- Айланайын десе уулум ушундай жигит да.

- Чоң ата, - деди Нарынбай арыраак туруп алып.

- Эмне болду уулум?

- Сиз бизди ойнотуп келчү эмес белеңиз, чоң апам келгенден бери алып барбай калдыңыз го?

- Венера кайда жүрөт?

- Окууга кетпедиби.

- Келсин уулум, үчөөңөр барып келесиңер.

- Венера эжем келгенде мен окууда болом да.

- Ат-тааңдын гөрү, аны эсимден чыгарып ийген турбайынбы, анда дем алышта чогуу барып келели балам, сабагыңа даярдана бер, макулбу уулум?

- Ооба, - Нарынбай тултуя ары басты.

- Арам десе, эси дартынын баары оюнда, бу бала сабак окуп жатабы же ойноп эле жүрөбү ыя? - деп Эгемберди күлүп калды.

Тим кой чоң атасы, булардын келечеги башкача, өздөрү куруп алышат, өмүрүн берсин, - Зейнеп Эгембердини тизээге таптай жылмайды.

- А мен жакшы окуйм ээ чоң ата? - Улук эдиреңдей карады.

- Оо сен уулум азамат жигитсиң да, акылың бар, - Эркелете башынан сылап далыга таптап койду Эгемберди.

- Чоң ата, сиз жаман окудуңуз беле?

- Эмнеге уулум?

- Чал болуп калбадыңызбы?

- Ооба чал болдум, атаңдарды чоңойттум.

- Ыкы-ы, жакшы окусаңыз чал болбойт болчусуз да.

- Эмнеге уулум?

- Атамчы, ал жакшы окучу да, ошого жапжаш, - Култуңдап койду, - Менин атам жаш да, офисте иштейт.

- Аа-а балам, эми түшүнбөдүмбү, ырас эле сен дагы жакшы окугун ээ уулум, атаңдай болуп жапжаш бойдон жүрөсүң, офисте отурасың.

- Айла-анайын, уулум акылдуу туурабы чоң атасы? - Зейнеп күлүп эңкейе Улукту өптү.

- Чоң апа, сиз дагы жапжашсыз ээ?

- Ийи уулум, жапжашмын, - деп Зейнем күлгөндө Эгемберди кошо күлдү, Улук отурган жеринен тура калды да:

- Чоң ата, мен ойногоу кеттим, досторум келди, - деп жүгүргөн бойдон короодон чыгып кетти.

- Тентек, - деп койду Эгемберди.

- Баланын балалыгы ушу да чал, дили таза, акылы тунук.

- Ушуларды эрмек кылам, зериктирбейт дагы.

- Чал, ушунчадан бери аял албадыңызбы?

- Жок, алайын деген оюм жок эле.

- Аялыңызды катуу сүйгөнсүз го? - Зейнеп Эгембердини наздуу жылмая карап көзүн сүзүп күлүмсүрөдү.

- Сүйгөнүмдү билбейм Зейнеп, отуз жыл жашадык, төрт балалуу болдук, өйдө карап каяша кылбады, айтаарымды көзүмдөн сезип турчу, ачууланганда унчукпай чыгып кетчү, - Эгемберди ойлуу тунжурай түштү.

- Эмнеден өлдү?

- Оорду, колубуздан келишинче дарылаттык, бүбү-бакшыларга алып бардык.

- Айыгаар дарттын дабаасы өзү табылат дешет…

- Ооба, дабаасы табылбады, айла жок экен, эми сени менен бир өмүрдө бирге болууга даярмын Зейнеп, жакшысы көңүлдөгүдөй аял болуп чыктың, кандай болот, балдар менен тил табышып кете алабы, жокпу деп ойлончу элем.

- Эгемберди, мен төрөбөдүм, бирок балдарды жакшы көрөм, мен дагы ушулардын жакшы мамилесине муктажмын, аз калган өмүрдө сыйына татысам дейм, жан дилим менен энесиндей мээримдүү болууга тырышам, - деп Зейнеп муңая Эгембердинин ийинине жөлөнүп отуруп калды.

- Кабатыр болбо, балдар сени капа кылбайт, баары тарбиялуу, экөөбүздү сыйлап алат байбиче, - деди Эгемберди дагы Зейнепти колунан кармап ойлуу.

Венера өтө шайыр, тентек кыз, ал мектепте жакшы окуганы менен балдар менен көп сүйлөшөт, ал тургай мушташа кетет, Калысбек аны ар дайым үйүнө чейин узатып келет, ар нерсени сүйлөйт, бирок Венера кулагына телефондун музыкасын коюп алып укпай келе берет.

- Венера, музыкаңды токтотуп койчу, - деди Калысбек жеткирип келген күндөрүнүн биринде.

- Калыс угасыңбы, мына сонун музыка, - деп наушниктин бирин алып анын кулагына салды, - Сонун бекен?

- Ооба, бир аз кое турсаң, мен сага бир сөз айтайын дегемин, - деди Калысбек наушникти өзүнө берип.

- Эмне дегиң келет? - Венера нааразы боло музыкасын өчүрүп Калысбекти карады, - Кулагым сенде, - Күлүп ага кашын серпип койду.

- Венера, менин кызым болбойсуңбу?

- Эмне?

- Мен сени жакшы көрөм.

- А мен жок!

- Эмнеге?

- Мен эч кимди жакшы көрбөйм.

- Венера, мени түшүнсөң, мен өзүм дагы билбейм, сени эле көргүм келе берет, сабак бүткөнчө чыдай албай тынчым кетип зорго отурам, анан минтип жаныңа келсем сен телефондон бошобойсуң, мен сенин жаныңда түбөлүккө болгум келет, - деди Калысбек кызды жалооруй карап.

- Дагы эмне дегиң келет, айта бер, толук угуп анан жооп берейин, - деп Венера токтоп көңүл бура карады.

- Мен… мен сени.

- Сен мени? - Көздөрүн чо-оң ачып сөөмөйү менен өзүн бир, Калысты бир нукуду. - Сен мени…

- Ооба Венера, мен сени сүйөм! - деп ички сырын ачык айтып оор жүктөн кутулгандай жылмая кызга суроолуу тигилди.

- Калыс, азыр жолуңа түш! - деп Венера терс бурула үйүн көздөй жүгүрүп жөнөдү.

- Венера, Венера токточу! - Калыс умтулуп барып токтоп калды, анткени үйүнө жетип калган эле: "Венера-а, Венера сени мен сүйөм, кубанып кеттиңби же чоочуп кеттиңби, акыры түшүнөсүң да анан сен дагы мени сүйүп каласың", - деп ойлонгон Калысбек артына кайрылып үйүнө жөнөдү. Венера үйүнө келип кийимин алмаштырып жатып: "Кызык го, мен жөн гана досум деп жүрсөм ал мени сүйөм дейт да, жо-ок мен аны сүйбөйм, мен Аргенди сүйөм", - деп ойлонуп турганда Зейнеп баш багып:

- Кызым, тамагыңды ичип ал, даярдап койдум, - деди.

- Азыр чоң апа.

- Муздап калбасын.

- Баратам, - деп секире бөлмөдөн чыкты, баары чогуу отуруп түшкү тамагын ичкенден кийин Венера, - Чоң ата, мен курбумдукуна барып келейинчи, - деди.

- Бара гой, тез кел кызым.

- Тез эле келем, - деп коюп чыгып кетти.

- Тентек кыз, - деп Зейнеп күлүп калды.

- Венераны алты айынан бакканбыз кичинесинен тентек, өзү сүйкүмдүү, өз билгенин кое бербейт.

- Мейли чал, баланын ата-энесинин колундагы бактысынан айрыбасын, кыз бала ата-энеден гана жакшы мээрим ала алат, турмуш жолунда кандай нерселер күтүп жатканын ким билет, эркелесе эркелеп алсын.

- Акылдуу аялсың Зейнеп.

- Акыл баарын жеңе билгени менен тагдыр өзү калчап коет экен да…

- Аның туура.

- Эми ушул жерден өлгөнүмчө орун тапсам болду.

- Сени мен көзүм жумулганча колумдан чыгарбайм Зейнеп, сен менин өмүрлүк жарымсың, - деп Эгемберди Зейнептин көңүлүн жубата сүйлөдү, - Чынын айтсам сен мага күндөн-күнгө жагып баратасың, - деп экөө сүйлөшүп жатканда Нарынбай менен Улук сыртка чыгып кетип босогодон шыкалап карап турушту, Эгемберди Зейнепке жакындап отуруп, - Зейнеп, биз деле адамбыз да, сүйүүгө акыбыз бар туурабы? - деди колунан кармап.

- Койсоңчу, сүйүүнү ким коюптур? - Зейнеп наздана ага ыктай шыңк эте күлүп койду, - Биз эми сыйлашып гана жашообуз керек, анткени сен дагы жалгызсың, мен дагы жалгызмын, бири-бирибизге керекпиз, аяктан да, бияктан да керекпиз, ошондуктан бизди табыштырды кудайым.

- Жо-ок Зейнеп, биздин дагы жүрөгүбүз бар, картайсак дагы сүйүүгө акыбыз бар, адам болуп жаралган соң бир келген өмүрдө, кудайым белекке берген ушул жарыктыкта жүрөктүн каалоосун аткарууга неге болбосун Зейнеп? - Эгемберди болбой эле Зейнепти кучактап алды, - Айтчы биздин бул дүйнөдө сүйүүгө акыбыз барбы?

- Аның ырас Эген, - Зейнеп анын төшүнө башын жөлөп, жүрөк тушуна алаканын койду, - Муштумдай болгон ушул кызыл эт адамга эрк бербесин түшүнөм, - Башын көтөрө Эгембердини карады, - Сенин сөздөрүң жаш жигиттердей жагымдуу экен.

- Жаш болгомун Зейнеш, өрт болгомун, - Эгемберди сөз баштады, - Болгондо дагы кандай дейсиң, алдымдан анча-мынча мокок адамдар же көрпешене бирөө чыкса чоочуп кетээр эле, анан бир кызды сүйдүм, аны жанымдан да артык сүйдүм…

- Ошондой сүйүүнү баштан өткөргөн адамдын жанында отурганыма кубанычтуумун, анан эмне болду?

- Кызыгып калдыңбы?

- Ооба, анан ал кыз эмне болду?

- Жок, бизди тагдыр кошкон жок…

- Күйөөгө тийип кеттиби?

- Жо-ок.

- Анан эмне?

- Чыдап угуп тур, - Эгемберди саамга тунжурай түшүп анан Зейнепти өөп койду, ошондо аларды карап турган Нарынбай Улукка карап:

- Көрдүңбү, чоң атам чоң апамды өөп жатат, - деди күлкүсү келе колу менен оозун жаап.

- Акырын, угуп калышат, чоң кишилер дагы жакшы көрүшөбү?

- Ооба да көрдүң го?

- Уят болот, кеттик эшикке, - Улук тыпылдай чыгып кетти, Нарынбай көпкө карап туруп анан алар узак сөзгө киргенде чыгып барып инисин башка нукуду.

- Акылдуу болуп кетесиң да.

- Менин атам айткан, улуулардын сөзүн тыңшабай жүр деп, - Улук тултуя сүйлөдү.

- Жүрү кеттик, - деп Нарынбай кайра күлө карап оюнга ашыгып жүгүрүп кетишти, Эгемберди Зейнепке өз башынан өткөнүн айтып берип жатты.

- Мен аны көрүп калдым, үйүнүн жанынан кетпейм, ал мени карап да койбойт, бир айдай аңдып жүрүп анан досум Сейитке жолугуп айттым да экөөбүз анын үйүнө бардык, Сейит үйдү көрүп эле.

- Эген, бул үйдө кыз жок, төрт баласы бар болчу, бири былтыр өлүп калды, кызы жок, - деди.

- Койчу, мен көргөн кызчы? - Супсунум сууй карап калдым.

- Ал келини каралуу келини кете элек.

- Мына сага! - дедим да артыма кайрылып баса бердим, Сейитти дагы унутуп калган экенмин ал артымда келе жатыптыр.

- Эген токто, жай бас сүйлөшөлү, - деп жете келди.

- Эмнени сүйлөшөбүз, баары бүттү! - деп мен кол шилтедим.

- Кыздар толуп жатпайбы досум, ушунчадан жесир келинге көзүң түштүбү?

- Жетишет, унут аны.

- Болуптур, - деп менин акыбалыма түшүнө унчукпай келе берди, мен үйгө келдим да катуу ойлондум атам менен апам үйрүлүп түшүп мага эмне болгонун билбе й кыжаалаттанышат, аларга дагы сүйлөбөй бөлмөнү ичинен илип алдым: "Мен аны сүйөм, эл эмне десе ошол десин, ага өзүм жолугушум керек", - деген чечимге келдим. Эртеси кечке маал анын үйүн акмалап туруп келин ажатканага баратканда кармап калдым, бакырып киргенде оозун жаптым да үйдүн артына жетелеп барып:

- Коркпо, мен сага тийбейм, болгону сага ашыкмын, - дедим.

- Кимсиң? - деди ал титирей.

- Эгемберди, менин атым Эгемберди, атыңды айтып койчу.

- Зарыл эместир, мен каралуу аялмын, ушунуң туура эмес.

- Мен үчүн сен табылгыс асылсың, асмандагы ай, төбөдө жаркыраган күнсүң, атыңды айтып койчу суранам.

- Малика.

- Бул үйдөн качан кетесиң?

- Кетирбейт го, издеп калышат.

- Малика, мен сени таптакыр башка жакка алып кетем, - дедим аны карысынан ала.

- Болбойт, менин боюмда бар төрөгөндөн кийин кетем го?

- Макул, мен сени күтөм Малика.

- Мага кызыгы жок.

- Антпе Малика, мен сени капысынан бир көрүп сүйдүм, мага сенден башканын кереги жок.

- Анчалык ашыгуунун кереги канча, мен бактысыз аялмын, дагы бирөөгө бактысыздык алып келгим келбейт, - деп Малика терс бурулду.

- Малика, жаман ойлонбо, сен бактылуу болосуң, мен сага үйлөнөм, сенсиз мага жашоонун кереги жок.

- Мени издеп калбасын, кайнатамдар жаман ойлоп жүрбөсүн, - деп менден боюн ала качып бошонууга аракеттенди, мен болбой эле аны бекем кучактап алып өөп-өөп алдым да:

- Эртең келем, ушул маалда күт, - деп кое бердим, ал жүгүрүп кирип кетти, ай дын жарыгында балбылдаган көздөрүн, капкара каштарын, кырдач мурду менен бөйтөйгөн оозу көз алдыман кетпей, карегиме катып калгандай болду: "Малика сен меники болосуң", - деп эргий үйүмө келдим. Ошондон баштап күндө жолугабыз, бири-бирибизди көрбөсөк тура албай калдык. Жай өтүп күз келди, кечтин киришин гана күтүп турам, күүгүм кирээри менен Маликага жөнөйм, ал дагы мени чыдамсыздык менен күтүп турган болот, төрөйүн деп калса дагы жанымда, ичи анча билинбейт, күйөөсү өлгөндө күмөн калган экен, ошентип эң акыркы жолугушуубуз эсимден кетпей калды, мени көрүп эле бой таштады:

- Сагынып кеттим, ушунчалык сени сүйүп калаарымды билбептирмин.

- Мен дагы сагындым, тезирээк эле кошулсак экен.

- Аз калды Эген, буйруса мен бошонсом эле баланы алып калабыз деп жатышат, - деп моюнумдан, жүзүмдөн өпкүлөп жатты. Экөөбүз түн бир оокумда айрылыштык, эртеси эч нерседен оюм жок эле күүгүм ченде дагы жолугушууга баратып үйүнүн алдындагы боз үйдү көрүп чоочуп кеттим, эсим эңгирей түштү: "Кайнатасы өтүп кеттиби, кимиси өлдү", - деп ойлонуп өкүрүп бараткан үч-төрт адамга кошулуп боз үйгө жакындадым. Ошол жерден уккан кулагыма ишенбей жинди болуп кете жаздадым, атырыла боз үйгө кирип барсам аялдар делдээ карап калышты. Көшөгөнүн артында Малика жатканына ишенбей үстүнө жапкан жабууну ачып жиберейин деп барып өлүктүн баш жагында дал Маликага окшош аялды көрүп: "Жок, жок Малика эмес, ал өлбөшү керек", - дедим да кайра артка бурулуп сыртка чыктым да жолго түштүм. Ошондо мени көргөндөр жакыны болсо керек деп ойлошуптур. Ошентип мен Маликадан айрылып калдым, ал төрөттөн каза болуптур…

- Жаман болгон экен, андан кийин жаралуу жолборс кантти экен, билсе болобу? - Зейнеп жылмая карады.

- Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм, коеор күнү акмалап эл кеткенден кийин көрүстөнүнө барып өксөп-өксөп ыйлап куран окуп кайттым, күз болгондуктан суук эле, арчадан кыйып келдим дагы үстүнө: "Сени сүйгөн адамдан", - деп жазып коюп койдум, көп сөз жаза албадым, анткени ал бирөөнүн бүлөөсү эле да, үч күнү барып куран окуп жүрдүм. Акыры аны унутканга аракет кылсам дагы болбоду, акыры атам үйлөн дегенинен макул болуп үйлөндүм, Суусар жакшы аял болуп чыкты, ата-энемди сыйлап, мага каяша кылмак турсун айткан сөзүмдү туура эмес болсо да туура дечи байкуш.

- Маликанын баласы эмне болуптур?

- Уулун багып чоңойтушту, кийин көрүп жүрдүм, азыр ал адам болуп калбадыбы?

- Чоң ата-а! - деп Улук кирди сырттан.

- Уулум, кардың ачтыбы?

- Жок, Венера эжем бир бала менен келе жатат.

- Мурдуңду урайын, унчукпагыла эжеңе, ал чоң кыз да.

- Балдар менен сүйлөшсө боло береби?

- Сүйлөшпөйт, чогуу окуган бала чыгаар.

- Ыкы, күнүгө эле жеткирип келет го чоң ата.

- Аны унут, отур кардың ачтыбы?

- Ооба.

- Нарынбай кайда жүрөт?

- Ал Усман акемдикине кетти.

- Аа-а, атасын сагынган го, барса барып келсин, - деп койду Эгемберди, - Кез-кез барып келип турат.

- Мен келди-им, - деп Венера кирди.

- Келсең жакшы кызым, чоң энеңе жардам бер, - деди Эгемберди кызын мээримдүү эркелете чачынан сылай өөп койду.

- Чоң ата, атамдар келебиз деп телефон чалышты.

- Качан келет экен?

- Эртең келебиз дейт.

- Келсе келсин, кичинекейлерди да сагындым эле.

- Баласаак окшойсуң чал? - Зейнеп Эгембердини карап сурап койду.

- Ээ байбиче, бала боор этиң менен бир болот тура.

- Өзүм төрөбөсөм да сезем, эненин түйшүгүн.

- Сен жакшы аялсың Зейнеп.

- Демек аялдан жолдуумун де?

- Ошондой.

- Эген, бир сөз айтайынбы?

- Айта бер.

- Чынында азыр Венера өтө эле жаш, бирок күндө бир жигит жеткирип келип жүрөт.

- Кыз балага катуу айта албайм байбиче, анын үстүнө неберем эмеспи, өзүнө нысап берсин.

- Ошентсе дагы элдин кулагы узу-ун.

- Туура, Венерам эстүү, анчалыкка барбас.

- Ошондой эле болсун, - Зейнеп тамагын жасап жатканда Венера жүгүрүп кирди:

- Чоң эне жардам берейинби?

- Эмнесине кызым, аз тамакты өзүм эле жасайм, сен сабагыңды оку.

- Жарайт, - деп кыз Зейнепти кучактап өөп коюп чыгып кетти.

- Шайтан кыз, тагдырың кандай болоор экен? - деп артынан карап кала берди. Анткени Зейнеп кээ бир нерсени түшүндө көрүп койчу, бирок эч кимге айтпай купуя гана ойлонуп жүрө берип айтууга дити барчу эмес, эки күн мурун эле түшүндө Венеранын баткакка чыланып жерде жатканын көргөн, кызыгы жууса дагы кетпей жатыптыр: "Курган кыз бейбаш баланын колуна түшөсүң го, абайлап жүр десемби", - деп ойлонуп тамагын алып аш үйгө кирди. Чогуу отуруп тамактанышты да жатып калышты. Эки күндөн кийин Кутман аялы, эки баласы менен келип калды. Базарлыктарын толтуруп дасторконго коюп, Усмандарды чакырды, Алманы да бала-чакасы менен келди. Эгембердинин кийим-кечеси тың, көңүлү куунак экенин көргөн үч келин өздөрүнчө аш үйдө сүйлөшүп жатышты.

- Атама аял жаккан го өзгөрүлүп кетиптир, - деди улуу келини Фарида күлүп.

- Айтпа, апам өлгөндөн кийин картая түштү эле, эми кайра тыңып калды, апабыз жакшы чыкты го ээ? - деди эң кичүүсү Асел.

- Мен көп деле келбейм, - деди ортончусу, - Бирок атабызга жагыптыр, мүңкүрөбөй жайдары болуп калыптыр.

- Ошонусу жакшы, болбосо кимибиз келип карай алабыз, сен же сен келип багат белең? - деп Фарида абысындарына карады.

- Жо-ок ай, кантип карайбыз, элестет кайнатаңдын ыштанын жууп жатканыңды, - Бырс күлүп Асел мурдун тырыштырып койду.

- Мен дагы келе албайм деги ырас эле болду, атама кам болсун, - Гүлкан дагы жакасын кармап койду, - Өзү менен өзү болгону эле жакшы да.

- Эмне жоголуп кеттиңер? - деп Алман баш бакты, - Абысындар ушак айтышып жатасыңарбы?

- Айда жылда бир көрүшсөк ошого дагы тарчылык кыласыңарбы?

- Жеңем шаардан келбедиби, бирдеме дейби деп күтүп жатабыз, - деп тамашалап калганда Фарида абысындарына карап:

- Ошол элеби, ары жагын өзүңөр улайсыңар да, - деди кайнисине көзүн кыса.

- Жеңем туура айтат, чынын айтсам алыстан келди деп өзүңөр баштасаңар өзү билет эле да.

- Эң кичүүсү эмессиңерби, силер баштагыла, - деди Гүлкан Аселге кайрыла.

- Жарасы жеңил, үйгө баргыла, калганына өзүбүз билебиз.

- Чакырсаңар барабыз.

- Шефтердикинен кетип калганыбыз болбойт го, койдун эти дагы бышып калды, - дешип күлүп сүйлөшүп жатып анан ичкери киришти. Фарида Венера менен сүйлөшмөк болуп сыртка чакырды.

- Окууң кандай кызым?

- Жакшы, окуп жатам.

- Чоң апаң эчтеке дебедиби?

- Койчу мама, ал абдан жакшы, мага эмне демек эле?

- Деги айтам да, кантсе да өз эмес, тынч жүр, эми сен чоңойдуң.

- Тынч жүр, тынч жүр деп, мен эмне кылып жатам? - Венера тултуң эте апасына таарына түштү.

- Сени шаарга эле алып кетсек кантет, чоң атаң эми жалгыз эмес, - деп кызынан кабатыр боло карады.

- Барбайм, бир жерден бүтөйүнчү мектепти.

- Макул, бирок сен жөнүндө жаман сөз укпайын уктуңбу?

- Болуптурчу! - деп басып кетип калды. Венера чоңойгонго сөз укпай калганын эне түшүндү: "Өткөөл куракта боло берет, эптеп эки жыл чыдасам шаарга алып кетебиз, окууга киргизип койсок", - деп бир аз ойлоно үйгө кирди, аңгыча эт бышып колго суу куюп чарадагы эт Эгембердинин алдына келди, Зейнепке иш кылдырбай отургузуп коюшкан. Эгемберди жиликтеп, уул-келиндерине, неберелерине устукандап алды-алдына берип калган устуканды Зейнеп менен өзүнө алды, жалпы отуруп тамак жеп жатканда:

- Элмира менен Шерматты көрүп жатасыңарбы? - деди Эгемберди Кутманга кайрылып.

- Жолуккам, жакшы эле жүрүшөт.

- Чогуу ала келсең болмок экен.

- Өздөрү келишээр.

- Бала да, аш өтпөй жатпайбы, эки жилик эт берип ийели ала барып берип койгула.

- Макул, - деди Кутман. Эгемберди балдарынын арасында кызыныны жоктугуна бир капталы эңшериле ойлонуп отурду, ошентип бактылуу бир үй-бүлөө бапырап отурушту, эртеси Алмандыкына, кийинки күнү Усмандыкына барып келиндер өздөрүнчө баштан таңышты, бир туугандар атасынын эки жагын тазалап, короо сарайларын оңдоп жардам берип жатты. Үч-төрт күндөн кийин Кутмандар кайра кетти. Жашоо өз нугу менен өтө берди, Зейнептин көңүлү тынып Эгемберди менен бактылуу жашап калды, кыштын кычыраган кези, түндө эшиктин ачылганынан башын көтөрө коюп Венеранын кирип келе жатканын көрүп: "Эшикке чыккан го", - деп ойлоп жатып калды. Андан кийин дагы далай жолу ошондой болду, бир күнү Зейеп уктамыш болуп күтүп жатты, баары текши уктаган кезде үстүнө дубленкасын кийип алып, тумагын кийип чыгып кетти. Күтсө кирбеди, анан артынан акырын чыгып үйдү айлана бергенде:

- Арген, мен сени сүйөм, бирок мен окуучумун да, мектепти бүткөнчө күтөсүңбү? - деген сөзү кулагына шак дей түштү.

- Мен дагы сени сүйөм Венера, бирок сага ишенбей турам, эмнеге Калыс сени менин кызым деп жүрөт?

- Калп, ал калп айтат, сен мага ишенбейсиңби?

- Ишенем, Калысты менин көзүмчө сени мен сүйбөйм деп айтсаң анан ишенем, - деди Арген кызды кучактай, - Сени кызганып жатпайынбы.

- Арген, мен Калыска бир жолу эмес миң мертебе сүйбөйм деп айта алам, - деди кыз назик гана. Зейнеп чоочуп оозун баса калып үшүгөнүнөн үйгө кирип кетти: "Чунак кыз, суук бул болсо, сүйүүң менен сүмүрөн кал, эми эмне болот, түндөсү эркек менен турганын көргөн эл эмне дейт, бирөө болбосо бирөө байкап койбосо экен", - деп төшөгүнө кымырыла жатып калды эле:

- Кайда жүрөсүң, тоңуп кетипсиң го байбиче? - деп Эгемберди кучактап калды.

- Сыртка чыгып келдим.

- Ушунча тоңгуча жүрдүңбү?

- Чыгып келгиче эле үшүп кеттим.

- Билбейм, көп болгон го чыкканыңа.

- Кызганган жоксуңбу?

- Ошондой болушу да мүмкүн.

- Койсоңчу, не дээр экен десе ашыкча болуп кетесиң, - деп эркелей экөө кучакташып жатты, - Балдар чыга калбасын.

- Алар уктап жатышат, мурдуна бок сыйпаса билишпейт, - дегенде эшик ачылып Венера кирип өз бөлмөсүнө кирип кетти, - Венерабы?

- Ооба, ошол го?

- Жарым түндө эмне кылып жүрөт?

- Кайдан билем!

- Мейли, уктайлы ээ? - Эгемберди аялын өөп коюп унчукпай калды: "Чунак кыз десе, эмне кылып жүрөт, ата-энесине жөнөтүп ийсемби, алыс эмес күндө барып келе турган жер эмеспи, чоңоюп калды, түнүндө минтип жүрсө балакет болуп", - деп ойлонуп калды. Зейнеп аны түшүндү, унчуккан жок, өзү көргөнүн айтпады. Эртеси чай ичпей сабакка кетип калды. Венера, Зейнеп аны: "Бирдеме ичип алсаңчы, ооруп каласың", - десе укмаксан болуп кетип калды. Унчукпады, эртең мененки чайга отурганда Эгемберди Зейнепке:

- Венера сабагына кеттиби? - деди.

- Ооба, эчтеке ичпей кетип калды.

- Тентек, ооруп калса эмне болот, суук бу болсо.

- Жаш да, азыр оору-сыркоону билбейт, баары даяр, кемчиликти түшүнбөйт, телефон деген бир балээ чыгыптыр, илгери ышкырып келчү эле балдар, эми уктап жаткан жеринен ойготуп чакырып алат, - деди Зейнеп.

- Ушу күндү көрсөткөнүнө дагы шүгүрчүлүк байбиче.

- Ооба дебейсиңби, - деп шыпшынып койду. Чай ичилгенден кийин Зейнеп идиш аягын жууп тиричилигине киришти, керээли кечке кир жууп, эки жагын жыйыштырып, тамак жасап түшкүгө даярдап жүргөндө Венера кирди. Эгемберди малында жүргөн.

- Чоң апа, мен шаарга кетким келет, - деди Венера.

- Неге кызым?

- Чарчадым, мамамдарга кетем.

- Бирөө капаланттыбы?

- Жо-ок, жөн эле кетким келет.

- Өзүң бил кызым, чоң атаңа дагы айт.

- Сөзсүз айтам, - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Жаштык-мастык ай, - деп башын чайкап койду Зейнеп. Түшкү чайга отурушканда Венераны улам көз кыйыгы менен карап коюп отурду Зейнеп, бирок ал үндөбөдү. Бүткөндөн кийин Эгемберди мал сугарганы кетти, Нарынбай менен Улук жылуу бөлмөдө ойноп ДВД көрүп отурушат.

- Чоң апа.

- Оов.

- Мен чоң атама айта албай койдум, таарынып калат го?

- Анда мен айтайынбы?

- Жок, жазга чейин окуй берейин, тогузунчуну бүткөн соң деле кетсем болот да чынбы?

- Өзүң бил тентегим, бирок этият бол.

- Неге андай дедиңиз?

- Мен билем, түндөсү сыртка чыгып кетип көптө киресиң, чоң атаң баягы күнү көрүп койду.

- Кимди? - Венера чоочуп кетти.

- Коркпо, сенин сырттан киргениңди көрдү.

- Эмне деди?

- Эчтеке, азыр эле чыккан деп койдум.

- Чоң апа-а! - Венера кубанычтуу Зейнепти кучактап өөп ийди, - Алтыным десе, мени сактап калыпсыз да?

- Албетте эне кызын ар дайым сактайт, бирок мындан ары эч качан кайталанбасын, уктуңбу кызым?

- Уктум, эч качан кайталанбайт.

- Тентек десе, сен али балтыркансың, сени сындырып кетишет, сак бол садага, кокус бир жаңылып алсаң түзөш оңой эмес, өмүр бою өзүң гана азабын тартасың, - деди Зейнеп ойлуу.

- Сөз берем чоң апа, эч качан жаңылбайм.

- Макул, мен ишимди жасайын, сен сабагыңды оку.

- Мен жардам берейин…

- Жок, сабагыңды жакшылап оку, толгон жумуш деле жок, өзүм эле жетишем кызым, бара гой.

- Жарайт, капа болбойсузбу?

- Неге, өзүм жооп бердим го.

- Макул анда, - Венера чыгып өз бөлмөсүнө кирип телефонун алды. Калыска, Аргенге СМС жөнөтүп жатты, бир кезде Аргенден СМС келди: "Венера, мен сени сүйөм, көрбөй калсам сагынып кетчү болдум, бүгүн түнкү он экиде күтөм". Венера кайра: "Арген, мени чоң атам кайтарып чыгарбай жатат, билип калыптыр", - деп жөнөтүп ийди. "Анда эртең сабактан кийин баягы жерден күтөм, Калысбек дагы келет, экөөңөрдүн ак экениңерди тактай турган убакыт келди", - деп жөнөтүптүр: "Мен сага чынымды айттым, эгерде минте берсең мен сени көргүм келбей калат", - деп Венера кайра жөнөттү эле: "Сен менден качып жатасың, демек Калысты сүйөсүң, экөөңөр бирге окуйсуңар, эмне кылып жүргөнүңөрдү мен кайдан билем", - деген катты окууру менен телефонун өчүрүп салды: "Акмак десе ишенбесең кой, мен али жашмын, убагына сага окшогондун далайын табам, жигити жок жүрсө болбойт бекен", - деп жинденип алып сабак окумак болду эле мээсине эчтеке кирбеди. Кыжаалат болуп отурганда сырттан:

- Венера, сага классташың келди, - деп Зейнеп чакырып калды, чыкса Нури деген курбусу экен.

- Кел, үйгө кирбейсиңби?

- Жок, эмнеге телефонуңду өчүрүп салдың.

- Иштебей жатат, - Венера калп айта салды.

- Арген мага чалыптыр, сөзсүз жолугушум керек, - дейт.

- Жолуга тургандай зарыл ишим жок Нури.

- Мага чала берип тажатып жиберди.

- Чала берсин, албай кой, же урушуп ташта.

- Кантип?

- Ошентип эле, мен ага сөз берген эмесмин, кааласам жолугам, каалабасам жок, - деп Венера кесе айтты, - Башка сөзүң жокпу?

- Ошо эле…

- Анда мен кирдим.

- Макул Венера, өзүңөр билесиңер дечи, мен сага мурда эле айткамын, өзү бул айылдык эмес, даже качып жүргөн имиш, соттолгон экен деп, азыр андан мен дагы корко баштадым, сүйлөшпөй коюшуң керек эле.

- Сен коркпо, өлтүрсө мени өлтүрөт, кеч кире электе үйүңө бар, эртең жолугуп ага өзүм айтам.

- Макул, жакшы кал.

- Жакшы бар, - Эки кыз коштошуп эки бөлүнүштү, Арген аларды уурдана алыстан карап турган, Нуринин алдынан чыкканда ал коркуп кетти.

- Арге-ен!

- Эмнеге коркуп кеттиң? - Арген ырсая карады.

- Жок-жок, коркконум деле жок, - Нури ылдамдай басып баратты.

- Нури, Венера эмне деди?

- Анын телефону бузулуп калыптыр.

- Эмне деди анан?

- Эртең жолугам дейт.

- Бүгүнчү?

- Үйдөгүлөрү кайтарып жатыптыр.

- Нури, токтой туруп жай түшүндүрчү, мен киши жебейм, же түрүм ошончолук эле коркунучтуубу?

- Кеч кирип кетти, үйдөгүлөр издеп калышат, - Токтобой кете берди, анын соңунан калбай Арген келе жаттат.

- Венера мага жолугуудан баш тартты дечи?

- Мен андай дегеним жок.

- Тереңи ошол эмеспи, - Кыжырлуу күлдү, - Нури, менин кызым болбойсуңбу?

- Эмне, эмне деп жатасың? - Нури токтой калды, анткени үйүнө жетээрирне аз калган эле.

- Болбойбу, Венеранын ичин күйгүзөбүз, кыз-жигит болуп алабыз.

- Акмак! - Нури аны коркуп турса дагы жаакка чаап ийди, - Менден алыс жүр, атымды атоочу болбо! - деди да жүгүрүп үйүнө кирип кетти, башын чайкап кыжырлуу күлүп кала берди Арген.

Арген Таластан келген, адегенде кыз зордуктап, андан кийин киши өлтүргөн деген айып менен эки жолу соттолуп, бирок таянган адамы болгондуктан бат эле эркиндикке чыккан. Ата-энеси аны айылдан көрүнбөй тур деп айткандыктан түрмөдө бирге отурган Алик деген бала менен жашап жүрүп ал экөө кайрадан кылмыш кылып Алик кармалып, Арген качып жүргөн. Бул айылда таежеси бар, апасы келип дайындап кеткен, ошондон бери ушул жерде, өзү бой келбети келишкен жигит. Жашы жыйырма алтыда. Таежесинин баласы Калысбек, ошол аркылуу таанышып алып эми андан кызганып Венеранын артынан түшүп сүйүүсүн таңуулап бөлөсүн жек көрүп туруп алды. Ал эми эч нерсени башынан өткөрө элек жаш кыз өзү Аргенди тандаган, ага Калысбек ызаланып бөлөсүн үйүнөн кетиргиси келет, милицияга айтып карматып коерун айтканда Арген ага жини келип өлтүрүп коюну ойлоду, бирок өзү качып жүргөндүктөн унчукпай калган. Эртеси Венера мектепке келгенде Калысбек аны улам көз кыйыгы менен карап отурду. Сабактан чыгып үй-үйүнө жөнөгөндө Калысбек Венерага жете келди.

- Венера, сен Аргенге чындыкты айтасыңбы?

- Кандай чындык?

- Сен мени сүйөөрүңдү.

- Мен эч кимди сүйбөйм.

- Венера, сен гана чечесиң, эгерде сен Аргенди сүйөм десең анда мен аны өлтүрөм, мени сүйөм десең ал мени…

- Неге бириңди-бириң?

- Ошондой, ал сени менден кызганып өлгөнү жүрөт.

- Сен ага эмне дедиң эле?

- Менин сени сүйөөрүмдү.

- Жалганчы, мен сени качан сүйөм дедим эле?

- Айтпаганың менен сенин көздөрүңдөн билем.

- Көзүм эмнени айтып турат?

- Мени жактыраарыңды.

- Дөөрүбө Калыс, сени досум деп гана билем.

- Кантип Венера?

- Ошентип эле, бол тезирээк барып чындыкты айтайын, - Венера жиндене тез-тез басып жөнөдү, - Сага чындык керек болсо мен Аргенди сүйөм, ошондуктан сен биздин ортобузга кыпчылбай жүр уктуңбу?

- Венера, сен жаңылып жатсың, билесиңби ал түрмөгө отуруп чыккан, киши өлтүргөн, азыр издөөдө жүрөт, - Калыс ушуларды айтып жатканда артынан келген Арген?

- Дагы эмне билесиң, былжырай бер! - деди кыжырлуу жылмайып.

- Айтам, баарын айтам, сенин безерлигиңди айтам, жаш кызды азгырып жатасың!

- Ишиң болбосун, колуңдан келбеске урунба, - Арген үнсүз карап турган Венерага кайрылды. - Кана Венера кимибизди сүйөсүң?

- Мен… мен эч кимди сүй-бөйм, - Венера калтырай үн катты.

- Ха-ха-ха! - Арген каткырып алды, - Эмне, коркуп калдыңбы Венера, Калыс калп айтат, ал өз сүйүүсү үчүн күрөшүп жатат, ошого ишенип жатасыңбы?

- Жок, чынымды айттым, мени экөөңөр тең кыйнабагылачы! - деп жүгүргөн бойдон кетип калды, үйгө келгенде өңү бузулуп келди, эч кимге карабай өз бөлмөсүнө кирип кетти. Зейнеп анын артынан кирмек болду эле ичинен илип алыптыр.

- Венера, ач кызым, эмне болду сага? - деп эшикти такылдатса дагы ачпай койду, - Атасы, бу тентек кызга эмне болду, сен келчи, мага болбой жатат, - деп Зейнеп үрпөңдөй Эгембердини карады.

- Эмне болуп кетти? - Эгемберди келип эшикти тыкылдатканда Венера ачып жиберди.

- Чоң ата, мен өлбөйм, менден коркпогула, суранам силерден, мени жалгыз койгулачы!

- Кызым…

- Уккум келбейт!

- Макул-макул, - деди Эгемберди, Зейнеп ага: "тим кой", - дегендей башын чайкап койгон эле. Эшикти карс эттире жаап алды Венера.

- Мейли, бир аз жалгыз болсун, өткөөл курактагы балдарга сүйлөп болбойт чал, бала да эмеле жаркылдап чыга келет.

- Деги бу кызга эмне болуп жүрөт?

- Ким билсин, сурап кереги жок.

- Атасына барып келсемби?

- Кой, андан көрө каникулда өзү барып келсин.

- Ырас эле жөнөтөлү, болбосо жаман жолго түшүп кетпесин.

- Венера акылдуу кыз, болгону эркелеги бар, ушул куракта ага ашыкча эч нерсе дебешибиз керек, - деп Зейнеп Эгембердини тыйды.

- Эмне болуп жатканын ата-энесине айтуу керек го дейм?

- Азыр кое тур, өзү деле кетсемби дегендей кылган.

- Качан?

- Бая күнү, өзүң бил, чоң атаңа кеңеш десем кийин деп койду.

- Мектебине барып мугалимине жолуксам бекен?

- Кой, анда ишти бүлүндүрүп аласың, болбосо билмексен болуп окуусунан кандай деп сурап көр.

- Ошентейин, - Эгемберди ойлуу Зейнепти карап калды.

- Сенин мектепке барганыңды билсе жинденип жүрбөсүн, - Зейнеп күлүп койду, - Азыркы балдар чыңк этпес болуп калга-ан.

- Айтканың ырас, сабагы кандай деп сурасам ага терикпес ээ? - Эгемберди небересинин камын көрүп кабатыр боло баштады.

- Кабатыр болбо, Венера өзү деле эстүү кыз, нары эрке, жөн эле таарынып жаткандыр.

Зейнеп менен Эгемберди аркы-беркини сүйлөшүп отуруп анан өз иштерине киришишти. Венера өзүнчө бөлмөсүндө ыйлап жатты: "Киши өлтүргүч деди го, кантип мен аны сүйүп калышым мүмкүн, түрмөгө отуруп чыкса, эгерде Нурини укканымда мындай болмок экен, Калыс калп айтпайт, экинчи ага жолукпайм, дагы бирдеме десе агай-эжеге айтып милицияга карматам", - деп ойлонуп жатты. Убакыттын өтүшү менен көпкө чейин Аргенден дайын болбой калды. Бирок Венера Аргенди көргүсү келгенин өзү сезип Калыстан сурай албай жүрдү, Калыс болсо ага жакыныраак болууга тырышат, ал жанына келсе Венера качып кетет, Нури бир күнү курбусуна минтти:

- Венера, Арген сага чалбай калдыбы?

- Жок, ошондон кутулганыма кубанычтамын.

- Ошого ишенип турасыңбы, мен корком Венера.

- Эмнеден?

- Аргенден.

- Сага эмне кылмак эле?

- Билбейм, көз карашы жаман.

- Коркпо, ал эми келбейт, аны мен сүйлөбөс кылгамын, - деп Венера күлүмсүрөп койгондо Нури көзүн алайта курбусун таңдана карап калды.

- Эмне деп, сени ал унчукпай эле таштап кеттиби?

- Ага мен сүйбөгөнүмдү ачык айттым, эмне кылат эле? - деп койкоңдоп койду.

- Укмуш, демек ал жөн эле оюндан чыгып кетти де?

- Ошондой, ал үмүтүн үздү.

- Азамат, анда коркунуч бизден артта калды.

- Коркпо, ал эми келбейт, ал жоголду.

- Кудайга шүгүр, ошону ойлоп сенден да өзүмдөн дагы коркуп жүргөмүн, - Эки кыз каткыра күлүп кетип жатканда алдынан кызыл жаңы маркадагы машина чыгып токтоду да Арген түшүп келди.

- Салам кыздар?! - Мыскылдуу жылмайып экөөнүн маңдайына эки колун чөнтөгүнө салып туруп калганда кыздар тилин жутуп алгандай бири-бирин карап туруп калышты, - Эмне коркуп кеттиңерби, мен киши жегичтей көрүнүп турамынбы кыздар? - Арген оозун чормойто таңдайын такылдатып койду, - Саламга алик алуу парз эмеспи, же туура эмеспи?

- Арген, мен сага айтпадым беле, кандай түшүнбөйсүң, мен али жашмын, бирөөнү эмес өзүмдү сүйө албайм, - деди Венера ага жиндене карап, - Мындан ары алдымдан чыкпай жүр уктуңбу? - Нурини колдон алып басып кетмек болгондо Арген Венераны колунан кармап калды.

- Кайда шаштың сулуу?

- Кое бер колумду, болбосо элдин баарын чакырып милицияга берем!

- Сен анте албайсың Венера, анткени сен мени сүйөсүң, Калыс биздин ортобузда уйгак болуп жармашып турат, ошондон тартынып жатасың го, эгерде ал менин бөлөм болбогондо эбак эсебин тапмакмын.

- Кое бер Арген, мен эч кимди сүйбөйм, сени дагы Калысты да сүйбөйм уктуңбу? - Венера ыйлап ийди, Нури анын ар жагында коенго окшоп бүрүшө Венеранын бир колунан бекем кармаган бойдон турду.

- Сенден жакшы жооп укмайын кетпейм.

- Жакшы сөз эмес, жакшы көз карашымды көрө албайсың.

- Эй жигит, эмнеге кыздарга тийишип жатасың? - деп өтүп бараткан адам токтой калды.

- Сага эмне керек, кете бер өз жолуң менен! - Арген жылмая карап мыскылдай сүйлөдү, - Же бул кыздарда сенин дагы жумушуң бар беле?

- Оозуңа карап сүйлө, жаш кыздарды эмнеге коркутуп жатасың, өзүңө этият бол, киргизчү жериңе киргизип коем! - деп келип Аргенге тикелеше келди.

- Эй-эй, сен кимсиң? - деп Арген аны менен жакалашып калганда кыздар бошонгонуна кубанып качып баратып жолдон адамдарды чакырып келип тигил адамды бошотушту, Арген аны басып муунта баштаган экен. Беш-алты киши келип арачалап экөөнү ажыратып койду, Арген ага жиндене муштумун түйө, - Шашпа, дагы бир жолугаарсың, - деди да машинасына отуруп алып Венералардын жанына бара албай карап турду.

- Жүрөгүм түшүп калды, - деди Нури Венерага карап.

- Мен дагы, өлүп кеткир десе псих окшойт.

- Ошо, деги эми эмне кылабыз, милицияга айтпайлыбы?

- Экөөбүзгө ого бетер өчөшүп калсачы?

- Чын эле, анда эмне кылабыз?

- Билбейм, эми келбейт деп коркпой калбадым беле.

- Бир нерсе ойлоп табышыбыз керек.

- Ооба, экөөбүз тең ойлонолу, - деп эки кыз коштошо үй-үйлөрүнө жөнөдү. Арген аларды узата унаасында отуруп карап турду: "Силерди шашпа, энеңерди таанытпасам элеби, ошондо бутума чөгөөлөөп, таманымдан өбөсүңөр", - деп анан кетүүгө акырын унаасын ордунан жылдырды. Венера короосунун жанына келгенде токтоп, өзүнө келип алууга тырышты: "Качан болсо үйгө ыйлап же жинди болгон эмедей келсем чоң атамдар эмне деп ойлошот, бузулган экен деп жаман ойлоп калышпасын", - деп терең дем алып чачтарын оңдоп алып анан дарбазаны ачып кабагын ачып жадырап кирип келди.

- Келдиңби кызым? - деп Зейнеп аны бир карап коюп өз ишин улантып калды.

- Чоң апа, чоң атам кайда?

- Малга чөп салып жүрөт, эмне кыласың?

- Жөн эле, бир жакка кеттиби дейм да, Улуктарчы?

- Алар үйдө.

- Аа-а, - деп Венера ичкери кирип кетти: "Дагы тынчымды ала турган болду, эмне кылсам, Нури болсо коркуп калыптыр

???

мен жол бербейм, атамды чакырып айтып койсомбу, биротоло каматып салсын, ал эми Калыска дагы зыян келтирет го", - деп ойлонуп кийимин алмаштырып жатканда телефону чырылдап калды, караса Арген:

- Экинчи чалба, мен сени тааныбайм! - деп өчүрүп салды. Андан кийин дагы тынбай чырылдай берди, албай койду, Зейнеп эшиктен кирип:

- Венера телефонуңду албайсыңбы? - деди эле караса апасы экен:

- Мама угуп жатам сизди.

- Эмнеге албай жатасың, канча жолу чалдым, - деди Фариданын үнү.

- Укпай калдым, сабактан келип кийимимди алмаштырып жаткам, мама.

- Кандай жатасыңар, чоң атаңдар жакшы жүрүшөбү?

- Баары жакшы, өзүңүздөр кандай, папам иштеп жатабы?

- Иштеп жатат, сабагыңды жакшы окуп жатасыңбы кызым?

- Ооба, окуп жатам.

- Сени окууга сүйлөшүп жатабыз, тогузду бүтсөң эле тапшыртабыз.

- Макул мама, Мукай менен Акай окуп жатабы?

- Окуп жатат, сага салам айтып жатышат.

- Саламат болсун, өөп коюңуз ээ?

- Жарайт, сен дагы чоң атаңдарга салам айт, телефонду өчүрөм, - деп Фарида басып койду.

- Чоң апа, мамамдар салам айтты.

- Саламат болсун.

- Эмне кылайын чоң апа?

- Эч нерсе, сабагыңды окуй бер тентек кыз.

- Чоң апа, сиз мени иш жасатпайсыз, андан көрө үйрөтүңүзчү.

- Эмнени үйрөнгүң келет?

- Тамак жасаганды, ар кандай түрүн, мен бир гана шорпо жасаганды билем, ошондуктан ар түрдүү тамак жасап үйрөнгүм келет.

- Болуптур, сабагыңды даярдап анан кел, мен сага үйрөтөйүн, - деп Зейнеп жылмайып койду, - Менин билгенимди сен дагы биле турган болосуң.

- Жарайт, түштөнөбүзбү чоң апа?

- Кардың ачтыбы шайтан кыз? - Мээримдүү карап күлүп койду, - Үстөлдү даярдай бер, мен тамакты алып келейин.

- Оо, тамак даярбы?

- Ананчы, эбак даярдап койгомун.

- Азаматсыз, башка жумуштарды жасап жатып качан үлгүрдүңүз?

- Аял киши баарына үлгүрүшү керек, ага өзүбүз гана көнүшүбүз керек кызым, жалкоолук жаман, ыкшоолонбой аракет кылсаң баарына жетишесиң, - деп үстөлгө жаңы бышкан беш бармакты алып келип койду, - Чоң атаңды чакыр.

- Жарайт мадам, - Венера күлө карап коюп сыртка жүгүрүп баратып, - Аа-а келе жатасызбы, түшкү тамак даяр, - деди. Эгемберди кирип келе жаткан эле.

- Келе жатам кызым, бүгүн көңүлүң куунак го?

- Ар дайым эле ушундаймын го чоң ата-а, - Таарына калды.

- Болду-болду, секелегим десе, таарынба мага чоң атаң картайбадыбы, - Эгемберди каткыра кирип төргө отурду.

- Кана, тамакка карагыла, - Зейнеп алдына кашыктарды коюп чыныга шорпо куюп берди. Улук менен Нарынбай өздөрүнчө тамакты ичип отурушат, Венера чоң чыныга өзүнчө куюп алып ичип жатты. Ошентип чакан үй-бүлөө заңгыраган үйдө өз тиричилигин өткөрүп жаткан, күн жылып жаздын алгачкы белгилери башталып кар кетип жер карайып калган. Венера сабактан үч-төрт кыз болуп келе жаткан, Нури да бар болчу, бир нерселерди талкуулап кызуу сүйлөшүп келе жаткан:

- Салам кыздар! - дегенде баары карай беришти, Арген аппак костюм шым кийип, чачын жасалгалап алып, колун чөнтөгүнө салып кыздардын маңдайында турган, бутундагы туфлиси дагы аппак эле.

- Крас-савчик го? - деп Нури менен Венерадан башкасы шыбыраша бирин-бири түрткүлөшүп калганда алар акырын бөлүнө басып кетишти, Арген алардын артынан түштү.

- Венера, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Сени угайын деген кулагым жок!

- Венера, өкүнүп калба.

- Өкүнбөйм, жолуңа түшчү! - Нури экөө кол кармаша жүгүрүп баратты, Арген артынан калбай келе берди.

- Бир эле жолу сүйлөшүп койчу Венера, андан кийин таптакыр көрүнбөйм, сага сөз берем, - дегенде Венера токтоп калды.

- Кана, айтаарыңды айт, убактым тар.

- Мен сени сүйөм Венера, эгерде күт деп бир ооз эле айтып койсоң жолукпай коем, алыстан гана карап жүрөйүн, - деп Арген жалдырай карап жооп күтүп калды.

- Арген, мен мектепти дагы эки жылдан кийин бүтөм, сүйүүгө дагы эрте, кежирликтин эмне кереги бар, ошого чейин келбей эле кой, анан көрөбүз, мен сени сүйөм деп үмүтүңдү улаганда эмне…

- А сен баягыда айткансың Венера, Калыстын айтканы үчүн гана менден качып калдың, бир гана жолу сүйөм деп айтсаң болду, мен сага кайрылып келбейм, суранам сүйөм деп койчу?

- Арген, мен сүйүү эмне экенин билбепмин, али эч нерсени билбейт экенмин, акылсыздык кылып дөөрүп койгонумду кечир.

- Жо-жо-ок, сен чын дилиң менен айткансың, азыр дагы бир жолу айтып койчу, - деп жалдырап туруп алганда Венера: "Эмне болмок эле, сөзүнө туруп кайрылып келбестир, сүйөм деп айтып кое берейин" - деп ойлонду да.

- Болуптур, мен сени сүйөм, а сен сөзүңө туруп мен мектепти бүткөндө гана келесиң, ошондо сүйлөшүп көрөбүз, - деди ага эмне дээр экен деген ойдо карап калды.

- Болуптур Венера, эки жыл бою көзүңө көрүнбөйм, дал бүтүрүүчү кечеңер болоор күнү гүл көтөрүп келем, - деп коюп артка кайтты.

- Венера, - Нури Венерага түшүнбөгөндөй карады, - Ушуга ишендиңби?

- Ишенбейм, бирок ишениш дагы кыйын.

- Көздөрүндө жамандык турат, бул бирдин ичинен чыгабы деп корком, деги кудай сактаса экен.

- Көргөнүңдү укканыңды унут, эми Арген келбейт, - Венера курбусуна жылмая карап колдору менен эки жагынан кармап, - Менин ушундай сулуу курбум бар да, сени азапка салган каргыш алгырды түшүңдө көргөндөй гана бол ээ? - деп өөп койду.

- Жа-аным курбум, ырас айтасың, ал окуяны көргөн жаман түшүмдөй гана эсимден чыгарып, өзүмдөн алыс ыргытып салайын ээ?

- Ошент, биз эми эркинбиз, корко турган эч нерсе жок, - Эки кыз каткырып күлүп көпкө сүйлөшүп турушту да эки бөлүнүштү. Венера абдан кубанычтуу келди үйүнө, Улук эшиктин алдында ойноп туруптур:

- Венера эже, Нарынбай акем катуу ооруп доктурга алып кетти.

- Эмнеси ооруптур?

- Билбейм.

- Ким алып кетти?

- Чоң атам кошо кетти, Усман акем дагы кетти.

- Кайсыл жакка?

- Билбейм.

- Мейли, күн суук болуп турат, сен үйгө кирип ойно, чоң атамдарды күтөбүз, - деп Венера Улукту жетелеп ичке алып кирди.

- Эже, Нарынбай акем жакшы болуп калат ээ?

- Жакшы болуп кетет, кам санаба, кардың ачкан жокпу?

- Ачты, чоң атамдар кача-ан эле кетишкен.

- Азыр, экөөбүз тамактанабыз, - деп Венера инисин алаксытып экөө чай ичип, андан кийин тамак жасап даярдап жатты. Күүгүм кирген кезде Эгемберди менен Зейнеп келип калды.

- Нарынбайга эмне болду чоң ата, жакшыбы абалы?

- Жакшы кызым, бөйрөгүнөн сезгенген дейт.

- Сакайып кетсин, сабакка барды беле?

- Ооба, бат эле келди, ооруп жатканынан суранып келиптир.

- Чарчадыңыздар го чоң ата тамак даяр, отуруп тамактаныңыздар, - Венера арыдан бери үстөл үстүнө тамак ашын алып келип коюп, чай куюп сунуп отурду, - Чарчадыңызбы чоң апа?

- Чарчаганга убакыт жок кызым, бала жакшы болуп кетсе эле болду, эми аны жакшылап текшерип көрүшөт го?

- Кудай сактасын, сакайып кетет, бала немеге суук тийип калган окшойт, суукту - суук дебей жүрө берет эмне.

- Бала да.

- Аманчылыгын тилейли, - деп Эгемберди сөз бүттү дегендей кылды, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, жатаарда Венеранын телефонуна Усман чалды, алып сүйлөшүп жатты:

- Усман аке, Нарын кандай, жакшы болуп калдыбы?

- Дурус, текшерип жатат, бир бөйрөгүн алыш керек дейт, атама берчи телефонду.

- Азыр, - Венера өз бөлмөсүнөн чыгып Эгембердиге берди, - Усман акем.

- Эмне болду уулум?

- Ата, бир бөйрөгүн алууга туура келет деп жатышат.

- Эмне дейт?

- Ооба, бөйрөгү жараксыз дейт, - Усмандын үнү аянычтуу каргылдана чыкты, - Биз азыр шаардагы төртүнчү ооруканадабыз.

- Акча керекпи, азыраак акча бар, мал сатып анан өзүм алып барам, кудай жар болсун, коркпогула уулум, сакайып кетет.

- Макул ата, жакшы жаткыла, эртең дагы байланышам.

- Телефон чалып тургула уулум, коркпогула, - деп Эгемберди телефонду Венерага берди, - Кудай жар болсо болду, жаман тентегиң кайдан бул ооруга чалдыкты, - деп кейий ойлуу отуруп калды.

- Кудай жар болсун чал, кабатыр болбой жаны аман болсун деп тилейли, - Зейнеп жайгара сүйлөдү. Нарынбайдын эки бөйрөгү тең оорулуу болуп чыкты, бирин алып таштап бирин дарыласа болот дешти врачтар. Акыры врачтардын айтуусу менен операция жасалып бир бөйрөгүн алып коюшту, экинчи бөйрөгүн узакка дарылай турган болушту. Колдорунда болгон малдарын сатып дарылатып жатышты. Жаз келип биринчи май келип калды. Окуучулар май майрамына тарап жатышкан, Венера менен Нури, Калыс дагы беш алты окуучу болуп сүйлөшүп турушкан. Тоого барып ойноп келүүгө чогулуп жаткан, ошол кезде Арген келди, машинасынан түшүп роза гүлдөрүн көтөрүп алып келе жатканын көргөндө Венеранын көздөрү алайа түшүп Нурини акырын нукуду:

- Нури-и, Арген келе жатат!

- Кана? - Нури аны көрүп селдээ катып калды.

- Салам баарыңа, - деди да кычырай Венерага кайрылды, - Венера, майрамың менен!

- Рахмат, - деп делдирей туруп калды Венера.

- Нури, Венера экөөңөрдү куттуктап коеюн деп келдим, жүргүлө кафеге баралы.

- Рахмат, биз классташтар тоого барабыз.

- Анда мен кошо барайын.

- Болбойт, - деп Венера гүлдү ыргытып ийип балдарга кайрылды, - Жүргүлө, бул жерде турганча тезирээк жолго чыгалы.

- Кеттик, - дешип балдар дүргүй жөнөгөндө Арген карап кала берди, ыргытылган гүл ар биринин алдында тебеленип жатты, аны карап мелтиреген Арген: "Дал ушул гүлдөй тебелендиде калаарыңды сезбедиң, эгерде сүйүүмдү кабыл алганыңда колума көтөрүп алмакмын", - деп ойлонуп машинасына отурду…

Дамира өзүн көздөй келе жаткан Алтыбайды көрүп көйнөгү делбирей, жоолугу мойнуна түшө ордунан жылбай жалжылдай карап тура берди. Тээ өткөн күндөрү, өткөргөн бактылуу мүнөттөрү көз алдына келип кадам жылууга кудурети жетпей турганда Алтыбай аттан түшө маңдайна келди:

- Арба Дамиш?

- Бар бол Алтыш.

- Мени көрүп кубанбадыңбы?

- Кубанганымда да, күйүнгөнүмдө да бирдеме өзгөрөөр беле?

- Аның туура, эчтеке өзгөрүлбөйт.

- Өткөндү эстетүүнүн кереги не? - деп Дамира жер карады.

- Мен сени бир көргүм келди, жок дегенде жоолугуңду бер, сагынганда көрүп жүрөйүн, - дегенде башын өйдө көтөрүп Алтыбайдын өңү азган болуп калганынан көрүп жүрөгү сыйрылып кетти.

- Менин абалым дагы сеникинен жеңил эмес…

- Билем Дамиш, бул өмүрдө сүйүүнүн эң тазасын, назигин биз көрдүк, экөөбүз ал сүйүүнүн рахатына аз балкысак, азап-тозогун көп тарттык, мага сенин бактылуу болушуң гана керек Дамиш.

- Мага дагы сенин амандыгың керек Алтыш, - Экөө жакындаша калды, - Көрбөйүн, көкөйүмдү кескен дартымды ичиме катайын, амандыгын уксам жүрөгүм кубанып өмүрдөн өткөнчө сенин атыңды кайталап өтөйүн деген элем.

- Дартым сен болдуң, өлүмдөн сенин сүйүүң сактап калды, бул менин акыркы сунушум, биз жолукпайбыз, - деп Алтыбай Дамираны кучактап калды. Ааламдын тең жарылып жер үстүн гүлгө ороп турган кезинде эки ашык кучакташкан бойдон жерге кулашты. Кечке маал гана келин көйнөгүн делбирете ордунан туруп, саамайын желге сеңселте Алтыбайдын кучагынан бошонду.

- Алтын, өлсөк бирге өлөбүз, эгерде сен жөнүндө жаман кабар уксам сенин артыңдан кетем, сага берген антым болсун.

- Сени мен тосуп алам, - Алтыбай күлүп койду.

- Ырас айтасыңбы? - Келин жигиттин жүзүнөн аймалай төшүнө жөлөндү.

- Эгерде билүүчү дүнүйө болсо.

- Ишенбейсиң, бул дүйнөдө кошула албасак тигил дүйнөдө кошулаарбыз дегенди айта албайбыз, тура ал жакка барган көп, келген адам жок, ошондуктан бүдөмүк дүйнө ээ?

- Дамиш, сен жөнүндө мен мурун уксам мен дагы калбайм!

- Ыраспы?

- Чын эле, сенсиз бул жашоодо өксүп өтүп баратам, биз жок дегенде бирге кетели.

- Ооба, мен дагы ошону каалайм, - Экөө көпкө чейин кучакташып турушту, бир кезде тээ арытан атчан аялдын карааны көрүндү, ал жай бастырып, убакыт бүттү дегендей белги кылып аларды көздөй келе жаткан эле.

- Дамиш, биздин бактылуу убактыбыз бүттү окшойт.

- Билем, мындан он беш жыл мурун дагы ушинтип бүткөн.

- Арбагыла арзышкандар? - деди Анипа бүбү аларга жакын келип, - Алла экөөңөргө тең ыракымын берсин, мен алланын алдында күнөөгө баттым, бирок сообуңарга калдым, бул менин адамдарга кылган жакшылыгым, кеселди жеңген улуу махабаттын кулдарына кылган кызматым, эми экөөңөр коштошкула, - деди экөөнө карап.

- Рахмат бүбү эне, - Алтыбай ыраазылык билдирип анан Дамирага карады, - Кош жаным, түбөлүккө кош, бизди эми тигил жактан жолуктурганча!

- Кош, ошол кезге чейин, - деди Дамира жүзү албыра, ушул кезде баягы кыз кезиндеги узатып турганы көз алдына келип, - Акыреттен күтөм! - деди да шарт бурулуп кетти. Үйүнө келгенче үнсүз келди, аны жол боюнда атчан Анипа күтүп турган, ички бөлмөсүнө кирип башындагы жоолукту алып башкасын салында да койнуна катып сыртка чыкты, Замира аны таңгала карап тим болду, Асек жок болчу, улуу баласы Сурабалды он төрттө, ал үйдө жаткан, андан кийинкиси Тилебалды, үчүнчү уулу Таабалды, эң кичүүсү кыз, Дамирага окшоп татынакай болуп чоңоюп келе жаткан, аты Гүлгаакы. Шашыла кайра кирген Дамирага:

- Эмне болду, мазарга барып келдиңби? - деди Замира.

- Барып келдим, бир аз көңүлүм ачыла түштү.

- Ошентсин, куру барганың жаман болду.

- Эми бир барып тайып койбосок болбойт эже, сен болуп чогуу баралы ээ эже?

- Макул, - деген Замира сиңдисинин жүзүнө карап: "Башкача албырып калыптыр, буга эмне болгон", - деп ойлогону менен түйүнүн кайдан чечсин, унчукпай калды. Асек келип дагы көңүлү ачык экенин көргөндө маңдайы ачыла сүйүндү.

- Бир улак түлөө өткөрүп Анипа бүбүнү чакырып коелу ээ?

- Макул, түлөө жанга аралжы деп коет эмеспи.

- Сурабалды дагы ооруп жатат, Анипага көрсөтсөкпү? - деди Асек, - Ал бул айылдын көзгө басаар бүбүсү го?

- Ошентели, - деди Замира, Дамира үндөгөн жок: "Аттиң, силер менин жүрөгүмдөгүнү түшүнсөңөр кана, капастагы куштай болуп, канатым кайрылып зилдеп жүргөнүмдү кайдан билет элеңер ????

деп алды.

?????

Алтыбай ошондон кийин сакайып кетти, кайда болсо дагы Дамиранын жоолугун койнуна сала жүрөт. Жылдар өтүп баягы бирин серин айылдын арасы коюланып үйлөр түшө баштады. Асек картайганы менен күүлүү-күчтүү, Сурабалдыны үйлөнтүп жанына там салып берип бөлүп койду, андан кийин Тилебалды үйлөндү, Таабалды бой жетип калды. Дамира керилген аял болду, кийип-ичип, баскан турганы бардар болуп көңүлү толду, Асек ага сүйлөбөйт, өз билгенин кылат, Гүлгаакы бойго жетип айылынан эле бирөө ала качып кетти. Жакшы жер экен, Бекболсун Гүлгаакыны бир көрүп сүйүп калып алып кетти. Асек баягы кыжынган адатынын бири жок момун чалга айланган, кирип-чыгып малын карап балдарына энчи бөлүп берип койсом деген ойдо. Ошол жылы Замира жетимиш төрт жашында оорубай эле бир күнү башым деп жатып кете берди. Анын ызаат сыйын кылып өз жайына узатышты. Асек менен Дамира балдарынын камын кылып уул-кыздарынын келечеги үчүн күрөшүштү. Жылдар агылып Асек сексен төрт жашка чыгып өлдү, балдары ызаат сый кылып жайына берди, Дамира элүү алты жашында жесир калды, кырк жыл, Асек менен жашаган кырк жылы түрмөдө өткөндөй эле болду, өлгөнүнө көзүнөн кылайып жаш чыкпады, анын үстүнө эл айтмакчы жубарымбек кеткен жок, сексенден ашык жашады, ошол жылдар менен бирге Дамиранын гүлгүндөй курагын өмүрү менен кошо ала кетти. Ошондогу айыл азыр чоң айылга айланган, көчө түшүп электр жарыгы күйүп адамдардын кулк мүнөзү өзгөргөн. Дамиранын эмки үмүт тилеги балдарынын амандыгы, неберелери чоңоюп келе жатат, жалгыз кызы Гүлгаакынын бактысы абдан чоң болду, шаарда кабат үйдө турат, бала-чакалуу, алдында машинасы бар, Дамира ошого ыраазы. Аны шаарга кел деп чакырат Гүлгаакы, бирок Дамира бир нерсени таштай албай келет, ал түбөлүк жүрөгүндө жашап келе жаткан мөлтүр кашка суудай тунук да, ыйык да махабаты болгон ашыгына берген антын аткаргысы келет, өткөн жылдар аны антынан кайтарбады. Таабалдысы колунда анын балдарынын алды бойго жетип эң кичүүсү шаардан окуйм деп кеткен. Үйүнүн жанына жаңы там салдырып заңгыраган үйдө турушат, эски үйдүн ордун огород кылып койгон. Дамира ойлонуп отурса келини сырттан кирип:

- Апа, өйдө жакта Алтыбай деген киши бар го? - деди байкоостон эле.

- Эмне, ага эмне болуптур? - деп тура калды Дамира.

- Апа, эмнеге анча чоочудуңуз? - Келини Гүлназ таң кала кайненесин карады.

- Айтпайсыңбы ботом, ага эмне болуптур?

- Апа, ал эчтеке деле болгон жок, ошонун аялы өлүптүр, - деп кайненесинин түрүнөн чоочуй жаман абалда калып туруп калды.

- Ошондой дебейсиңби, - деп отуруп калды.

- Мен жөн эле укканымды айта калдым апа.

- Мейли, бара гой ыраматы болсун, - деп ойлуу отуруп калганда Гүлназ чыгып кетти, бирок ойлонуп калды, мурда кийин кайненесинин мындай абалын көргөн эмес: "Кызык, эмнеге анчалык чоочуду, кайнатам өлгөндө деле мынчалык болгон эмес эле, аялын угуп унчукпай калды го", - деп ойлонуп калды. Эки миң экинчи жылдары неберелери окуп шаарга келип кайра барса Алтыбайдын өлгөнүн угуп көз жашын көлдөтүп тим болду. Көкүрөгүн өйүгөн санаа аны тынчытпай кыжаалат: "Алтыш, мен сага берген антымды аткара албадым, жан таттуулугунан эмес, аркы-беркини түшүнүп токтолгонумдан, акыреттин бар экенин ырас болсо көрүшөөрбүз, эс токтото элек жаштыкта айтыла берет тура, сен баары бир жүрөгүмдө жашайсың, ар бир күнүм сени эстеп таңды тосуп, сени эстеп кеч кирет, ыйманың жолдош болуп жаннаттан жай ал, өмүрдөн өтпөс жан жок эмеспи, канча жашаарымды ким билсин, акыры мен дагы барам", - деп куран окуп бата кылды… Ушул жерге келгенде эже өзүнүн көзүнөн жаш куюлуп турганын сезбеди, мени карап күлүмсүрөй:

- Ушундай сиңдим, алтымыш эки жашка ойноп келе койгонум жок, сөөгүм менен жата турган сырды сууруп алдың, балким азыркы убак болсо андай кыла алмак эместир, бирок тагдыр менен таймаша албайсың да, эми ойлосом ар бир мезгилдин өзүнүн берээр жемиши, ырыскысы болот тура, бул менин тагдырым, - деп сөзүн бүтүрдү. Мен баш ийкеп гана тим болдум.

- Байланышып туралы эже, - дедим анан.

- Албетте, небере кызымды буйруса турмушка узатабыз, ошондо чакырам.

- Сөзсүз барам, көрүшкөнчө жакшы жүрүңүз, - дедим эжени узатып жатып, андан кийин мен көп ойлондум. Чынында өтө татаал тагдыр, кыйын турмушту башынан өткөрсө да Дамира эженин жылдыздуу жүзүндөгү сулуулугу өчпөгөн, саамай чачы агарып ого бетер жарашып турат. Артынан көпкө карап туруп анан өз жолума түштүм. Базардан үйгө майда барат ала кетүү үчүн кайрылып чубаган эл менен агылып бара жатсам бир жерде элдер үйүлүп туруптур, кызыгып мен дагы элге аралаштым, башымды көтөрө ортого көз жиберип кызыктай абалга туш болдум. Март айынын орто чени болчу, кар кетип жер ылай, базар ичи чылаага окшоп өтө балит, күн суук болсо дагы кырк менен элүүнүн ортосундагы адам жылаңайлак, майкачан болуп бакырып бийлеп жатыптыр. Эл ага кызыгып каткырып күлүп жатышат, ал ого бетер колун өйдө көтөрүп, ар кимисине колун созуп, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп жатат. Мен дагы көпкө карап туруп өз жумушумду аткарууга кириштим. Кызык, адам эмне үчүн жаралат, эмне үчүн жашайт? Мен канча ирээт өзүмө бул суроону бергеним менен жооп таба албайм. Бирөөлөр алдым жуттумдук менен жашап өмүрүнө, бала-чакасына жетээрлик байлык топтосо, бирөөлөр өмүр бою ак эмгеги менен жашаса да жакшы кийим кийбей, жакшы тамак ичпей жүрүп өтүп кетет. Өкүнүчтүүсү азыркы кезде такыр эле адамгерчилик калбай калган өңдүү. Базарга келсең укмуштарды көрөсүң, жашоосуна нааразы болгон күнү өзүн таптакыр таштап койгондоручу. Ойлонуп баратып да алаарымды алып үйгө келдим. Убакыт өтө берди, неберем менен алышып жүрүп жаз болду, тоолукшуган жаз айы келип шаңдуу майрамдын шарапаты менен балдарымды алып эл катары аянтка бардык. Кечке оюн-зоок көрүп курсак тойгузуп, паркта эс алдык да кечке маал батирге келдик. Дал ошол күнү Дамира эже чалып калды. Жолугушмак экен, мен дароо макул болдум, эртеси болжолкон жерге келсем эженин маанайы көтөрүңкү, күлө багып учурашып биз элден челчээн

????

жерге отурдук.

- Кандайсыз анан, бала-чака тынчпы эже? - дедим ага.

- Баары жайында, мен айылга барып ушуга чейин өзүмдү жаман сезип жүргөнүмдү билдим, ичтеги бук дагы адамды суз кылып коет тура, мен таптакыр муз болуп тоңуп калыптырмын, - деди Дамира эже жылмая.

- Эми жеңилдеп калдыңызбы?

- Айтпа, башымдан эч нерсе өтпөгөндөй.

- Небереңизди турмушка узаттыңызбы?

- Ооба, мен сени менен дал ушул жөнүндө сүйлөшөйүн дегенмин, - деди эже, - Мен барганча неберемди ала качып кетип калыптыр.

- Сүйлөшкөн бекен?

- Кайдан, көрүп билбеген эле неме алып кетип жатпайбы?

- Анан эмне болду?

- Отурбай койду, алып баса бердик эле он күн өтпөй кайра алып кетип калды.

- Анан?

- Ошентип неберем ыйлап-ыйлап отуруп калды.

- Ошого макул болдуңуздарбы?

- Жүз сегизге чыккан таенеси бар экен, ошол батасын берип эшиктен кирээри менен босогого жатып алып бербей коюптур, кызым байкуш карыны сыйлап чыгалбай калды.

- Жаман болуптур, өзү кааалабаса кантип жашайт?

- Ким билет, бактылуу болсо экен деп эле калдык.

- Бактылуу болсун, - деп койдум, биз бир топко чейин тамактанып отурдук, эсепке келгенде мен төлөйүн десем болбой Дамира эже төлөп койду. Экөөбүз ээн жерге барып отурдук да сөзгө кирдик.

- Мен сага муну айтып жатканымдын себеби адамдар өз адамгерчилигинен тайбаса дегеним, - деди ойлуу…

- Пендебиз да эже, пендечиликте баары болот.

- Ооба, ушул жашка келгени көп эле нерсени көрдүм, бирок азыркы көрүп жатканым башкача, кандайдыр түшүм сыяктуу. Эртең менен ойгонгондо өзүмдөн-өзүм рахаттанып бир кереметтүү окуяга туш болгондой жакшы сезип калам. Дамира эже көпкө тунжурап отуруп анан сөзүн баштады… Алтыбайдын өлгөнүн уккан Дамира качандыр бир кездеги ага берген антын эстеди, жүрөгү сыздап ыйлады, Алтыбайды жетимиш жашында өлгөнүнө балдары ызаат-сый менен көмүшүптүр, кызыгы баягы Дамира берген жоолукту өлгөндө койнунан таап ары таштап коюшса, түндөсү кайра жаткан жеринде колтугунан табышыптыр, үч күн бою аны алып салышса кайра колтугунда болуп калганда улуу баласы:

- Муну өрттөп салайын, - деди иниси экөө кеңешип.

- Молдодон сурайлы, дагы бир сыры бардыр.

- Макул сурап көрөлү, - дешип эртеси молдого айтканда ал балдарга башын чайкап:

- Өрттөгөндө болбойт, бул жоолук ал үчүн кымбат буюм экен, өзү менен кошо коебуз, - деди.

- Ошол кантип болсун, андай керек болсо атам менен кошо кымбат килемдерди коюуга кудуретибиз жетет.

- Балдар, адам жылаңач туулуп, жылаңач кетет, силер ага кабатыр болбогула, килемди койгончо булгаары кошуп оросоңор өтө сооп болот.

- Аны кайдан тапса болот?

- Эми издөөнүн кажети жок, андан көрө узатууга даярдык көргүлө, - деп ары басты. Жаназасын окуп көрүстөнгө карай алып жөнөгөндө балдары ыйлап бараткан, молдо жеңил машинада, туугандары менен балдарынын достору сөөк менен, ошол кезде сөөктү түшүрүп жаткан, улуу баласы алды жагын көтөрүп келип койгондо молдо:

- Балдар, атаңар аллага каршы иш кылбаган, жан дили менен ишенген адам экен, - деп балдарга карап анан көрүстөнгө коюнун жол-жобосун жасап акыркы сапарына узатты. Дамира буларды угуп алып баягы экөө жолукчу жакка жалгыз баратты, ал ээн жердин баарына эл отурукташып кооз-кооз үйлөр салынып калган, андан арылап басып айылдын этегине жетип дөңсөөгө отуруп алып ыйлап жатты: "Бул турмушумда сага кошула албасам, кийинки жашоодо жолугаарбыз, биздин балалык кездеги тунук сүйүүбүз, ууз махабатыбыз калды жүрөктө. Сен мага айтып бүткүс ырахат тартуулаган ошол саат калды эсимде, сага берген антымды аткара албадым, билбейм эгерде менин ордумда болсоң сен аткара алаар белең? Менин колумдан келбеди, кечир мени Алтыш, кош менин махабатым, наристе сүйүүм", - деп ичинен сызып кечке отуруп кечке маал үйүнө кайтты. Ал келсе небере кызы Нурчолпонду ала качып кетиптир, уул-келини жинденип алып келүүгө кеткени жаткан экен:

- Уулум, - деди Дамира, - Кыздын макулдугуна карагыла, кийинкисин ойлогула, барган жеринен козгогон болбойт.

- Байкап көрөбүз, түшкөн жерине, Нурчолпондун өзүнө карайбыз, - деп кетишти, күнчөлүк жерге төртөө кетишти, агасы менен эки баласын алып алды. Алар кичинекей тамды көрүп эле эстери ооп көпкө беритен карап турушту:

- Бул эмне деген үй, ушул заманда ушундай жашоодо жашагандары эмнеси, ушул жерде кызымды жашата албайм, алып кетем, - деп күпүлдөдү Таабалды.

- Чын эле, ушул жерде кантип калсын.

- Болбойт, алып кетиш керек, - деп кеңешишти да унааны үйдүн эшигине айдап келип төртөө түшүштү да топтошкон эл өздөрүнө карай басканда аларды түртүп кирип барып үч бөлмөлүү жупуну үйдүн төркүсүндөгү көшөгөнү тартып алды. Нурчолпон ыйлай берип көздөрү шишип кеткен экен. Атасын көрүп бакырып тура калды.

- Ата-а!

- Кызым, тур алып кетебиз!

- Кетем ата, биерге калбайм! - деп үстүндөгү кийимин чечип ыргытып, жоолукту таштап атасын ээрчий кошо чыкты.

- Айланайындар, ачууланбай келинбизди таштагыла, кулдук айланайын, жетим жесир деп чанбагыла, жаштарга бир мүмкүнчүлүк бергиле, - деп шакылдаган аял Нурчолпонду кармаганда дагы бири келди.

- Кулдук айланайындар, жүзүбүздү жер каратпагыла.

- Тарткыла колуңарды, ушундай да келин алат бекен, менин кызым мындай шартта жашай албайт! - деди да Таабалды агасынын баласы Айбек экөөлөп кызды алардан бошотуп машинага отургузуп жөнөп кетти.

Алар үйгө келгенде Дамира чыга калып небересинин башынан суу айлантып чачты:

- Бар балээнин баары ошону менен кетсин кызым, кудай сени жаман нерселерден сактасын, - деп үйгө киргизди, баары отургандан кийин Сурабалды менен Тилебалды, анын балдары өздөрүнчө отуруп сүйлөшүп жатты. Айбек Тилебалдынын баласы, ал үйлөнүп өзүнчө түтүн булатып калган.

- Ой кызык, ушул заманда дагы жаман тамда жашагандар бар экен, көрсөң ичине киргиң да келбейт, - деди Айбек.

- Бери жактан көргөндө эле жүрөгүң түшө турган.

- Балдарым, - деди Дамира, - Биз ошондой эле үйдө чоңойгонбуз, ал жашоо дагы оңолот, алардын ата-тегин билсеңер болмок, кийим менен байлык чечпейт, адамгерчилиги кандай экен, Нурчолпон эмне деди?

- Ал өзү кетем деди, зорго отуруптур.

- Байкуш кызымдын көз жашын көрүп чыдай албай кеттим апа, - деди Таабалды. Алар ошентип бакылдашып жатканда Сурабалдынын балдары менен Тилебалдынын балдары келишти, үйү толо түшкөндө Дамира ичинен кудайга ыраазы болуп турду. Сурабалдыдан беш уул, үч кызы бар, төрт баласы өз-өзүнчө түтүн булатып кеткен, Тилебалынан жети уул, эки кызы бар, аныкы өзүнчө үй жай күтүп бир айыл болуп калган. Баары чогулганда эки бөлмөгө сыйбай калат, келин кесектери, небере-чөбүрөлөрү болуп отуздан ашык. Дамира жүрөгү кубана жаратканга ыраазы болуп турду: "Эми ушулардн алдында ызаат-сыйым менен кете берсем экен. Жамандыгын көрбөсөм болду ушунусуна дагы шүгүр", - деп купуя ойлонуп отурду. Арадан эки-үч күн өткөндө алардын эшигинин алдына эки машина келип токтоду, ичинен кычыраган аял эркектер менен бирге Нурчолпонду ала качкан жигит, анын апасы болуп түшүп бери басканда Таабалды утурлап чыкты:

- Келиңиздер!

- Келдик, кулдугубуз бар куда, ичкери кирип сүйлөшүүгө уруксаат бериңиз, - деди курсагы челкейген жаш көрүнгөн жигит ага керсейе карап, - Кыргыз элинин салтында жок жолдон сөз баштап үйдөн бүтүрүү.

- Эмне дегиң келет иним, мен силерге кайдан, кандайча куда болуп калдым?

- Биз сиздерге эми куда түшкөнү келдик, кыздуу үйгө жуучу келет деген сөз бар эмеспи, - дегенде Дамира басып келди, баласына карап:

- Келген киши эшиктен кеткен болбойт балам, куда болобу болбойбу алар биздин коногубуз, - деди, - Кириңиздер, - деп өздөрүн карап тургандарды карап колун үйгө карай жаңсады, - Туура, кыздуу үйгө жуучу келет, карызы барга доочу келет деген сөз бар, кудай доочудан сактасын.

- Нарк-насилдүү адам экенсиз, эми сөздү баштайлы, - деп инисин караганда ал чыгып араң эле баскан кемпирди жетелеп кирди, - Адам дүйнөнү жаш баланын көзү менен көрүп, жүздөн ашкан адамдын акылы менен туйган жакшы, бу киши биздин таенебиз, жүз бешке чыккан, - деди баятан бери сүйлөп жаткан курсактуу жаш жигит.

- Сен ждигит сөзмөр экенсиң, дагы сүйлөй түш, - деди Таабалды аны кетете.

- Менин атым Байтур, сизге күйөө болчу жигиттин аты Нурдан. Менин таежемдин баласы, эки кызданбыз, таенебиз болгону эки кыздуу болуптур, төрөбөй жүрүп элүүдөн ашканда төрөгөн экен, таежем оорукчан болду, Нурданды жалгыз бакты, - деп, - Ошондо жүз бешке чыкса дагы тың, даана сүйлөгөн кары:

- Уулум, - деди аста үнүн калтырата, мен карыдым, улуу кызымдын алты баласы бар, силер Нурдандын үйүн көрүп айныдыңарбы?

- Жок, кыздын көңүлү болбосо отурабы эне?

- Анысы дагы бар, эмесе биз кызыңардын колун сурап келдик, - деп кары жанындагы балпайып отурган ак жуумал аялга карады, - Бул менин улуу кызым, аты Зарылбү, бул кичүү кызым Сагынбү.

- Жакшы-жакшы, - дегенден башка эч нерсе дей албай Таабалды баш ийкеп тим болду.

- Мен эгиздин түгөйү элем, баары өтүп мен калдым, айланайын, үч кылымды көрдүм, барды да жокту да көрдүм, - деди дагы улуу кызына кайрылды, - Зарыл, кызга алып келгениңерди мага бергилечи.

- Азыр апа, - деп ал уулу Байтурга кайрылганда ал туруп сыртка чыгып кетип чоң чаар сумканы көтөрүп кирди да Зарылга берди, ал ачып кийит-кечелерди алып чыгып Апалга берди, - Балдарым, кызды алып келгиле, Нурданды чакыр, - деди, дагы Байтур чыгып көздөрү бакырайган, кирпиктери музонукундай узун, кара каш, кара көз ак жуумал жигитти ээрчитип кирди, бою узун арыкчырай Нурдан тартына башын ийе саламдашкан таризде туруп калды, - Отур балам, - деди Апал ага өз жанынан орун көрсөтө, ошол убакта болбогон оюна койбой Гүлназ менен Дамира Нурчолпонду кийинтип алып чыкты. Нурчолпон башын жерге салып капалуу келип отуруп калды, ошол кезде Апалдын колуна Зарыл алтын сөйкөнү карматты эле ал Нурдан менен Нурчолпонду карап, - Кудай бак-таалай берсин, кармашкан колуңар ажырабасын, өмүр жашыңар узун болуп улууну урматтаган жаштардан болгула, - деп сөйкөнү Нурчолпондун кулагына өзү салды дагы эки бетинен өөп жатканда кыз Нурданды көрүп жүрөгү зырп этип алды: "Сулуу экен", - деген ой кетти. Гүлназ деле күйөө бала болчу жигитти көрүп: "Бул да бирөөнүн баласы да, байлык колдун кири, экөө бири-бирине төп келишкен жубай болооруна ишенем, кызыма жагат", - деп ойлоп калган. Таабалды туугандарын чакырып конок камын көргөнгө союшун сойдуруп кирди, Дамирага бир сыйра, Таабалды менен Гүлназга бир сыйра, Нурчолпонго үлпөт тоюнда кийчү көйнөк менен туфлисине чейин, Таабалдынын алдына отуз миң сом коюшту. Сурабалды менен Тилебалды келип кудалардын маңдайында отурушту.

- Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту, - дегендей кудалар, - деп сөз баштады Зарылбү, - Балдардан айып кетти, аны кечирип койгула, башында ушинтип эле келсек болмок, минтип маңдай тескей отуруп чеке тердетип ысык чай ичишкен кудалардан болуп калдык, балдарга кудай ырыс-кешикти мол берсин, өмүрлөрү узун, өрүшү жайык болсун! - дегенде Апал Таабалдыга карап:

- Айланайын куда, Сагынбү кызым оорукчан болуп өз үйүндө канча жылдар жашаган эмес, Нурдан атадан жалгыз, азыркы жаштарды билесиңер, жүрөгү курч, сөзү мурч, мен сүйгөн кыз байлыгым жоктугун эмес, өзүмдү сүйөт деп болбой койгон, неберем Нурчолпонду сыртынан көрүп сүйүп калган экен, ак батаңарды эки балага бергиле айланайындар, - дегенде Таабалды Сурабалды агасына карады, бул улуусун сыйлап жол бергени эле.

- Кудагый, сиз көптү көрүп, көп жашапсыз, эми биз ушул балдарга кемибес ырыскы, кажыбас кайрат, узун өмүр, чексиз бак-таалай каалайбыз, оомийин, биз ыраазыбыз! - деди Сурабалды.

- Кудагый, - деди Таабалды, - Бул менин эң улуу агам Сурабалды, анын жанындагсы Тилебалды, менин атым Таабалды, үч бир тууганбыз, бир карындашыбыз бар, аны чакыртып ийдим, кечке келип калат.

- Айла-анайындар, силер дагы бирөөнүн сурап-тилеп алган балдары экенсиңер, учугуңар узарып ар бириңдин балдарыңар өзүнчө чоң айыл боло берсин.

- Айтканыңыз келсин кудагый, - деп ыраазылык билдирди. Улуу кишини сыйлап, сөзүнө каршы тура албай ыраазылык беришти, Нурдан менен Нурчолпон өздөрүнчө кыздын бөлмөсүнө кирип сүйлөшүштү, эт бышып колго суу куюлду, конокторду сыйлап анан келинди кийинки жумада алып кетмек болуп кетишти. Таабалды келиндерин чакырып кызына сеп камдатты, көшөгө тиктирип Гүлназ экөөнүн жаны тынбады. Дамира келиндеринин кылганын текшерип септин кынтыксыз даярдалышына көз салып өзү башында. Бир жума болуп кудалардын келээр күнүн күтүп калышкан, Дамира өз бөлмөсүндө жаткан, көзү илиндиби же илине элекпи сезбей да калды, жанында Алтыбай отуруптур, баягы көк жашыл ээн талаа, гүлдөрдүн жыты буруксуйт: "Алтыш, сен кайда жүрдүң көрүнбөй?", - деп ага караса: "Мен сени сактап жүрөм, жаныңдан кеткен жокмун, көрбөдүңбү?", - деди, экөө тең баягыдай эле жапжаш бойдон экен.

Анда: "Мен сени көрө албай зар болуп жүрбөйүнбү?", - деп Дамира анын ийинине башын жөлөсө сөөгү жоктой жупжумшак нерсе, "Неге денең жумшак, сөөгүң оркоюп турчу эле го", "Менин сөөгүм жерде, бул менин жаным, тулкум кудайдын ишаараты менен сенин жаныңа келбедимби, сени коргойм Дамиш", - деди да көздөн кайым болду. Көзүн ачкан Дамира: "Байкушум ай, бейишиңди берсин", - деп өзүнчө куран окуп анан терезени караса, таң атып калыптыр. Сыртка чыгып келип: "Нурчолпондун бүгүн өз айылына узаар күнү, жараткан жар болуп бактысын ачсын, түгөнбөс ырыскы берсин, ээ жараткан балдарым мен көргөндү көрбөсүнчү, кырк жыл бою бир ордо жаткан өңдүү өзүмдүн адам экенимди сезбей жашадым", - деп ойлоп чай коеюн десе Гүлназ эбак туруп абысындарына барып боорсок камын көрүп жүрүптүр.

- Апа, жата турбайт белеңиз, келиндер турбайбы, баары бүтөт, - деди кайненесине жылмая карап.

- Кайдагы уйку балам, мен деле кармалашам, кызым турмушка чыкканы жатса кантип тынч жатып алам.

- Алтын апам иий, - деп койду Гүлназ. Дамира Нурчолпондун бөлмөсүнө баш бакты, ал дагы туруп кийинип жатыптыр:

- Кызым туруп алдыңбы?

- Ооба апа.

- Жата турбайт белең кызым?

- Апа, баняга барып келелиби? - Нурчолпон кайра чоң энесине суроо узатты, - Сиз менен түшөйүн.

- Алдыңа кетейин десе, түшсө түшүп келели, чачыңды өзүм өрүп берем ээ? - Дамира небересин мээрим төгө жылмая карады.

- Өрбөй койсо болбойбу?

- Чачты жайган болбойт дечү илгери, анткени кызым эри өлгөн аял чачын жайып, бетин тытчу, чачыңды өрүп туруп тыкчыйта түйүп алган сага жарашат.

- Макул апа, - деп күзгүгө келди Нурчолпон, капкара чачы жамбашына жетип узун, өзү кырккысы келбейт, учун гана тегиздеп турчу. Түшкө жакын үч машина менен кудалары келип калды, Дамира Нурчолпонду өзү кийгизип чачын өрүп аркасына түйүп койгон: "Нурданды мен сүйүп калдым окшойт, эми баягы үйүнө барабызбы, эмнеге аны оңдобой коюшту экен, колунда жок окшойт" - деп ойлуу күзгү алдында отурганда сырттан: "Кудалар келди", - деген үндөрдү угуп жүрөгү лакылдап кетти: "Нурдан, Нурдандар келди", - деп ойлонуп сыртка чыгып келе жатканда аны көрө калган Дамира:

- Кызым, сен кайда барасың, кудалар келип калды, үйдө отур.

- Чыксам болбойбу апа?

- Болбойт, осол болот да кызым.

- Осол деген эмне?

- Уят дегенди билдирет, кызга кудалар келгенде үйдөн чыкпайт, күйөө бала өзү кирип алып чыгат садага, - деп небересин бооруна кысып чачынан жыттап коюп, - Үйгө кирип жүзүңдү карап ал кызым, - деп эшикке чыгып кетти. Куда-кудагыйларын үйгө киргизип дасторкон жайылды, балдарга бак-таалай каалашып бака-шака түшүп союлган жылкынын эти бышып, чучук менен казы картасын бир бөлөк этин бир бөлөк кылып устукандап таратты. Кыз-күйөөнү өзүнчө курбусу менен жигиттин досу төртөөнү башка бөлмөгө коноктошту. Таабалды инилерине ошол айылдагы ырчыларды алып келдирип коноктордун көңүлүн бурду, өздөрү да бир топ, түнү бою кыз узатуу шааниси кылып таң ата бир машинага себин жүктөтүп эки жеңеси менен Гүлгаакы кошо кетти. Нурдандын ошол үйүнө келишти, бирок мурункудан ичин оңдоп түзөп, жасап коюшуптур, септерин киргизишип тосуп алгандар аларды коноктоп уул-келинди бир бөлмөгө алып киришти…

Ошентип Нурчолпон бактылуу жашап калды, кайненеси Сагынбү үн дебей өз иши менен алек, келинине жумуш жасатпайт, оорулуулугу тууралуу алган пенсиясы менен жашашчу, Таабалды аларды шаарга жөнөтүп үй алып берип Сагынбүнү да ала кетишти. Нурчолпон абдан бактылуу, алар базардан орун алып соодага киришишти, Сагынбү уул-келинине тамагын даярдап, кир когун жууп үйдө. Көңүлү тынып калды, баягыдай түйшүк жок, оорусунан сакайып тыңып калган. Дамира балдарынын аманчылыгына ыраазы болуп, өткөн өмүрү көргөн түшүндөй элес-булас алыстаганы менен Асектен калган балдар эч качан өткөнүн унуттурбас эле. Бүгүн дагы кеч жаткан, көзү илинип баратканда жанында бирөө жаткандай сезип колу менен сыйпаласа эч ким жок, бир кезде: "Дамиш, мени унуткан жоксуңбу?", - деп Алтыбайдын элеси көрүндү: "Кайдан, сени унутмак кайда Алтыш, өмүрүмдүн бүтүнүн сен деп жашап келе жатам, кылт этсем эсиме келесиң", "Мен сенин сактаганыңмын, бул жакка сенин келишиңди каалабайм, бул жакта бейиштин гана жолдору ачык, баары бир жарык дүйнөдөгүдөй эмес, чын дүйнөдө баары так жана таза болушу керек, тирүүлүк деген ал башка нерсе, балдарыңдын рахатына чөмүлүп бактылуу жашаганыңды, аба жутуп тирүүлүктүн даамын көпкө татканыңды көргүм келет", "Сен кантип көрөсүң Алтыш?", "Мен баарын көрүп турам, балдарымды сактайм", "Ал жактан ата-энеңди көрдүңбү", "Ооба, алар башка турушат, экөө бирге, көрөм, бирок бул жактагыдай болбойт, ар ким өзү үчүн жооп берет", "Мен дагы барсам ата-энемди көрө алаар бекем", "Мен билбейм, убактым бүттү", - деди да көздөн кайым болду. Дамира эс ала түштү, негедир ал коркпойт, анын арбагы менен сүйлөшкөндө жеңилдей өзүн жакшы сезип калат. Эрте туруп жуунуп эки жагын карап, эшигин шыпырып коет, бул үчүн Таабалды урушуп эле калат, ага болбой ишин жасай берет. Бир күнү айылдашы той берип, карым-катнашы болгондуктан коңшулары менен тойго барып калды. Бир дасторкондо чай ичишип, аркы-беркини сүйлөшүп отурганда төрдө отурган бир аял Дамираны түкшүмөлдөй карап:

- Ботом, сен Асектин кичи аялы белең? - деп калды, Дамира үн дей албай зыңгырап отура берди, - Байкуш Асек, балалуу болбой жүрүп сени алгандан кийин балалуу болду ээ? - деп шыпшына оозун шалп эттирип койду, - Замира эстүү аял болчу да, өзү төрөбөгөндөн кийин сени алып берип туура кылган экен, болбосо туяксыз өтмөк.

- Апа, эмне деп эле жатасың? - деп жанындагы бир аял аны тыйды.

- Капырай, мен чынын айтып жатам да.

- Аа-а байкуш, - деди анда бери жактан бир аял, - Бала төрөп бер деп сага келип жүргөндө боюңа болбой калып, сага үйлөнбөй койгонуна эмдигиче арманда окшойсуң? - деп күлүп калды.

- Сиз эмне деп жатасыз? - деди жанагы аял, - Бул жер силерге ушак айтчу жер эмес го?

- Ооба, ушак айтчу жер эмес экенин билем, бирок апаң баарын эске салып койбодубу. Апаң жакшы болсо сени жалгыз кылбай Асектин балдары менен тааныштырып койсо болмок. Асек муну алып алгандан кийин боюмда бар деп ага канча айттырды. Өзүңдүн айбың ачылаарын билбей бирөөгө сөз ыргытып эмне кыласың? - деп аны сүйлөтпөй койду. Дамира үндөбөй туруп кетип калды, андан кийин тигилер кетти, берки аял анын артынан мурдун чүйрө карап коюп кала берди. Дамираны той ээси токто дегенине карабай үйүнө жөнөдү: "Мага анын не кереги бар эле, ошол аялга үйлөнүп алса болот эле го, таежем мени ала качканга жинденген окшойт, демек Сурабалдыдан бир жаш улуу экен, кырк жетиде", - деп дагы ойлонуп алды. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин баягы аял атайын келиптир, Дамира унчукпай тосуп алды.

- Сиңдим, мени кечирип кой, ашыкча сүйлөп койдум окшойт, мен жетимиштен аштым… - деп Дамирага кайрылды.

- Укканым уккан жерде калган, андай сөзгө терикчү убактан өткөмүн, айтылган сөз адамга жукпайт, ал сиздин оозуңузда калды.

- Ал айтканың туура, ал кезде мен дагы жаш элем, Асек менден жыйырма жаш уулу эле, аялымды кетирем деп…

- Мунун баарын айтуунун кереги жоктур?

- Ушуга байланыштуу…

- Аны Асектин тирүү кезинде айтсаңар болмок, эми кеч, мен эчтеке дей албайм, - деп терс бурулду Дамира.

- Кызым, жалгыз, андан кийин төрөбөдүм, бир туугандары менен катыштырсам дедим эле, биз нике…

- Асек болбогондон кийин балдар ишенбейт, убара болбогула, - деп Дамира кирип кетти. Ал аял бозоруп көпкө турду да кетти, көрсө ал Селки деген аял экен, жыйырма алтыдагы күйөөсүнөн чыккан жаш келинге Асек орточу салып жашыруун нике кыйдырып жашап жүрүп Замираны кет десе кетпейт, анын боюна болбой эки жыл өтөт, ошол кезде Асек андан дагы түңүлөт, төрөбөйт экен деп ойлонуп Замирага кеңешип Дамираны алып бер дегени ошондон экен. Замира кетип калгандан кийин кайра барып келип жүрүп боюна болуп калганын билбей калып Дамираны үйүнө камап жатканда билип эки жолу келет, кайра нике кыйдырганда келип ыйлайт, Асек аны укпай кууп чыккан экен. Ошого намыстанып төрөгөнүн айтпай кызы менен башка күйөөгө тийип кетип кызы ошол күйөөсүн ата деп өсөт. Кийин ал күйөөсү өлгөндө ал кызы менен кетип өзүнчө жашап калат. Дамира кыжаалат болуп: "Туура эмес кылдым окшойт, бир тууган болсо болоор, ага менин тарчылык кылбашым керек эле, пайгамбар жашынан өтүп калганда неге бирөөгө кыянатчылык кылдым", - деп өзүн күнөөлөп жатты. Балдарын бүт чакыртты, Сурабалды, Тилебалды, Таабалды менен шаардан Гүлгаакысы дагы келди, апасынын эмнеге чакыртканын билишпесе дагы уул-келиндери, кыз-күйөөсү жалпы дасторконго чогулушту, Таабалды бир туугандарына кой союп коноктомок болуп даярдап коюп унчукпай отурган апасына кайрылды:

- Апа, баарыбызды чогулттуң, бирдеме дегиң келди беле?

- Ооба, маңыздуу сөзүм бар.

- Ал кандай сөз апа? - деди Сурабалды.

- Менин сөзүмө кулак салып тургула, - деди да оор дем алып алды, анан болгонун айтып берди, - Ушундай балдарым, эми силер өзүңөр ата-эне, чоң ата, чоң энесиңер, силердин эжеңер бар, ошону таап чакырып таанышып алгыла, атаңар менден жашырып жүрүп өтүп кетти…

- Кызык экен го? - Сурабалды апасын карады.

- Кызык эмес, силерди баккан Замира менин таежем, атаңардын аялы болчу, төрөбөгөн экен…

- Ушуга чейин ошону түшүнбөгөнүбүздү кара, биз аны сиздин таежеңиз деп эле ойлоп жүрбөйлүбү.

- Акылайды таап чакырып таанышкыла, - деп коюп ордунан туруп кетти, балдары өздөрү чоң киши болуп калышса да апасына ашыкча эчтеке дей алышпады. Тилебалдынын кичүү баласы шаардан келинчек алып келем деп чалыптыр, даярдык көрүп калышты. Дамира көптөн бери эч нерсеге көңүлү келбей ар жери ооруп жатып калат, докторго көрүн десе болбой койгон, бүгүн дагы табы айнып жатып алган, бала-чаканын баары сыртта жүрүшөт, анан калса балдары абдан ынтымактуу, биринин коногун бири тозушуп, күндөп, түндөп кызмат кылат, бир гана Сурабалдынын улуу баласы аялы экөө шаарда болгондуктан көп нерсеге катышпайт, Гүлгаакы болсо банкта иштейт, күйөөсү жеке ишкер, эки уул, бир кызы чоңоюп келе жатат. Азыр келиндери салат, торт жасап жатышса, неберелери отун жарып жатышат. Күүгүмдө сыртка чыгып келип анан кыңкайып жатып уктап кетиптир, жанында Алтыбай отурат: "Сен оорубашың керек Дамиш", - деп денесин жумшак мамыктай колдору менен укалап жатты: "Көптөн бери келбей кеттиң го", "Келип эле сени көрүп жүрбөйүнбү, сенин бактылуу болуп балдарың менен отурганыңды көрүп анан кайтам", "Алтыш, мен дагы сенин жаныңда болгум келет", "Жок, сенин азыр биякка келээр убактың боло элек, шашылба жаным, сен дагы көп жашайсың", - дегенде эшикти бирөө ачып ийип ойгонуп кетти.

- Чоң эне, тамак даяр болду, атам чакырып жатат, - деп небереси кирди, Сурабалдынын экинчи небереси.

- Баратам кызым, сен бара бер, - деп козголо көпкө жатты: "Бир аз кирбей турганда дагы сүйлөшөт элек", - деп өкүнө туруп балдарынын үстүнө кирди.

- Кел апа, төргө отур, калыңдап салдыңарбы төшөктү деп Таабалды кыздарын карады.

- Ооба, салып койдук.

- Тамакты алып келгиле, - дегенде: "Мени күтүп тамагын али ичише элек экен го", - деп төргө өтүп орун алды, бул күндө отурчу оруну, ар дайым тамакты андан кийин ичишет, ансыз кашык салышпайт, буга неберелери көнүп калган.

- Ээ апа, врачка көрүнсөңчү?

- Кой балам, меники карылыктын оорусу, силерди убара кылбай эле үйдө отурайын, жакшы болуп кетем, кыйнаган кеселим жок.

- Ошондой эле болсун, - деп койду Таабалды, - Эртең Мээримбек келинчек алып келет, даярдык көрүп койдук, буйруса баары даяр.

- Даяр болбой анан, куда күтүүнү көрүп калдыңар, Нурчолпонду чакырдыңарбы?

- Нурчолпон менен Гүлгаакы, Айтыкул аялы менен чогуу Тынычбектерди алып келишет го?

- Жакшы болгон экен, баарыңар чогуу болот экенсиңер, - Дамира кубанып алды, - Гүлгаакы качандан бери келе элек эле, эми Акылай эжеңерди чакырып ала турган кез келди, Тайырбекти машина менен жөнөт, келин келе электе таанышып бир чыныдан чай ичишип алгандай болгула, - деп уулу Таабалдыны карады.

- Ма-акул апа, эртең менен эрте жөнөтөм, - деди Таабалды, ал эки агасы болуп өздөрүнчө кеңешишкен болчу, алар өздөрүнчө кабыл ала албай бир бүтүмгө келе албай жатышкан. Эртеси Акылайдын үйүн таап чакырып келишти, Селки менен бир уул-келинин алып, союшун тирүүлөй салып кийит-кечесин алып келип калды. Алар менен бакылдашып отурганда эшиктин алдына төрт машина сигналды катуу басып келип токтоду, жабалакташып "келин келди", - дешип таттууларын көтөрүп жүгүрүп жүрүшөт, Дамира колуна ак жоолукту алып үйгө киргенден кийин:

- Айла-анайын, ак жоолугуң башыңдан түшпөй, алганың менен тең кары, алдыңды бала, артыңды мал бассын, - деп эки бетинен өөп жоолукту башына салганда:

- Жүгүн кагылайын, чоң апаңар болот, - деди Гүлназ, келин жүгүнүп калганда:

- Бай бол айланайын, бай бол, - деп Дамира отуруп калды, андан кийин Сурабалдынын аялы Зуура келип жоолук салды, Тилебалдынын аялы келип жоолук салып өөп, баары келип жатышты. Айтбек сырттан атасы, Тилебалды менен Таабалдыларга айтып жатты.

- Аке, кыз белдүү кызматчынын кызы, аларга уят болбошубуз керек, эртең аларга киши жөнөтүп ачуу басарды берип ийгиле.

- Ачуу басарын өзүң алып барасың, Актан менен Рустамды кошуп ал, - деди Таабалды.

- Жарайт, өзүм алып барам, бирок алар үйлөнүү той өткөргүлө деп жатышат, Кулубек менен жакшы досмун, - деп Айтыкул керсейип койду.

- Үйлөнүү тойду шаарга өткөрөбүзбү?

- Албетте, биерде кайсы ресторан же кафе бар аке?

- Макул, аны да кеңешээрбиз, азыр балдарды алып чыгып кудайы кылалы, - деп айтканда ары жактан улак алып келишти, уул-келинди алып келип өпкөсүн чаап туруп үйгө киргизип Тынычбектин классташтары келип бир бөлмөдө отурушту, бака-шака түшүп келин алган чоң үй-бүлөөнүн бактылуу адамдары конок тосуп жатышты. Балдары акардион менен гитарада ойноп, комуз менен үйдө созолонтуп алым-сабак айтышып ыр-күү жаңырып, аздан кийин бийге түшүп музыка шаңшып жатты. Дамира кудайга ыраазы болуп, жаратканга жалынып өзүнүн неберелери менен бир бөлмөдө отурганда коңшусу Кадча келди…

Эгемберди небересин үйүнө чыгарып келди, бир бөйрөгүн алдырган Нарынбай сабакка барбай үйгө араң кирип-чыгып жаткан, Венера каникулга чыккандан бери үйдө, Фарида шаарга алып кетмек болгону менен баргысы келбеди. Эч нерседен бейкапар кээде телефон менен сүйлөшүп, кээде Зейнепке жардам берип коюп үйдө. Аны телефондон Калыс чакырып калды, ага жолугууга барса:

- Венера, балдар-кыздар болуп тоого чыгып келели дегенбиз, барасыңбы сен? - деди учурашкандан кийин.

- Үйдөгүлөр жооп берсе барам.

- Сурап көр ээ?

- Макул.

- Эртең саат тогузда ушул жерден жолугабыз, - деди да эки жакка кетти, Зейнеп аны угуп тамак-аш жасап берди, ал кызды кой дегиси келди, бирок айта албады, анткени Эгемберди дагы каршы болбоду. Кубанган кыз спортивкасын кийип, бутуна ботс кийди да рюкзака тамак-ашын алып жөнөдү. Он чакты балдар-кыздар болуп жөө жөнөштү, кечке ойноп, бири топ алып алган экен моокумдары тараганча ойноп кечке маал жолго түшүштү. Нури менен Венера артта, өздөрүнчө сүйлөшүп келе жатат:

- Венера, Арген сага чалбай калдыбы?

- Жок, ал эми түңүлдү да.

- Жакшы болду, жаман коркуп жүрдүм эле.

- Андай немеден кутулганыма кубанып жүрөм, - деп айылга кирип келишти, кыздар жылаандай суук караан аларды акмалап артынан келе жатканын сезишпеди, айылга жетип чогула калып коштошушуп үй-үйүнө тарашты.

- Венера, дүкөнгө кайрылып бир нерсе алып алайынчы, - деп калды Нури.

- Макул, кеч кирип баратат, тезирээк үйгө кетели, - Экөө дүкөнгө кирип керектүүсүн алып көчөнүн башынан жөнөп ылдамдай басып келе жатышканда айлана күүгүм болуп кетти. Ошол кезде артынан машинанын жарыгы чыгып жандай келип токтоп калды.

- Салам кыздар! - Эки кыз тааныш үндү укканда коркуп кетип жооп бербей ылдамдай жөнөштү, - Венера, келгиле жеткирип коеюн, - деп Арген калбай келе берди, - Кел отургула, жеткирип коем.

- Кереги жок, өзүбүз эле кетебиз.

- Коркпогула кыздар, мен силерге жамандык кылбайм, - деп токтото калганда жүгүрүп жөнөштү. Бир кезде Арген машинасын токтотуп туруп жүгүрүп Венераны кармап машинасына салып оозун таңды да буту колун байлады, анан жүгүрүп кетип жаткан Нуриге ызылдата айдап жетип токтотуп аны кармады, дароо оозун бекем алаканы менен басып, көтөрүп келип аны дагы адегенде тыбырчылаганына карабай оозун скочтоп, буту колун таңып, унаасын артка буруп айдап жөнөдү. Ал Калысбектин телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп күнү бою даярданган эле. Жалгыз Венераны алып кетмек, бирок Нури көрүп калган соң: "Айгактын кереги жок", - деп ойлонуп экөөнү тең салып алып ээн талаага келип токтотту. Адегенде Венеранын оозундагы скочту алып жибергенде ал демиге:

- Бети жок уятсыз, бул эмне кылганың? - деди бакырып ыйлай.

- Мен сени катуу сүйдүм, сен мени тоготподуң, жаман оюм жок дагы эле, жакшылыкча сүйлөшөлү, - дегенде Венера болбой эле:

- Сүйлөшпөйм, менден алыс жүр! - деп бакырганда Арген анын оозуна кайра скочту жабыштырды.

- Сен жакшылыкты билбейсиңби, анда мындай кылам, - деп арткы отургучка кызды чалкасынын жаткырды да зордуктап туруп ары басып көпкө жүрдү: "Буларды тирүү койгондо болбойт, экөөнөн кыргыз тукуму кемип дагы калбайт", - деп ойлонуп кайра келип Нурини отургучунан тоголото тартып жерге баса калып зордуктады да ала келген арагынан ичип машинага отуруп чалкалай ойлонуп жатты: "Менин тагам турганда чардап алышым керек, баары бир эч ким таппайт, колуңдан келип турганда чардап кал да жыргап кал", - деп өзүнчө бир каткырып алды. Анан кыздарды кайрадан кыйнап алмак-салмак эрмектеди да жин ургандай экөөнү тең машинадан сүйрөп түшүп тепкилеп кирди.

- Эн-неңди, силер мени көргөндө жалаңкычты көргөндөй качасыңар ээ, мына сага, жалаңкыч жаныңарды алат, - деп тепкилеп болуп кайра машинага салды да ызылдаткан бойдон айдап айылга кирип шаарга кетчү жолго түштү, трассага жетпей бурулуп ысык суу өтчү трубаларды көздөй айдап баратканда Венера эптеп колун чечип, оозундагыны алып телефонун жандырды. Акырын ага билгизбей СМС жөнөтүп ийди атасына. Ээн талаага келип трубалардын жанындагы колонкага салмак болгон:

- Сыйың менен бизди кое бер, мен үйдөгүлөргө СМС жөнөтүп койдум, өлтүрсөң да сени кармашат, - деп Венера сүйлөгөндө Арген чоочуп тормузду катуу басып токтотту.

- Эй, сен кантип бошонуп кеттиң?

- Кудай боор ооруду, бизди ташта дагы сыйың менен жогол, болбосо кармаласың, атам милиция менен келет, - деди Венера ишенимдүү, айбаттуу, жанында таңылуу жаткан Нуринин таңууларын дагы чечип жаткан, Нуринин деми чыкпай көгөрүп кеткен экен Венера аны жаакка чапкылап жатты. Арген аргасыз машинасын токтотту да коркконунан аларды түшүрүп артка бурулуп ызылдата айдап жөнөдү. Нури эс алгандан кийин экөө бири-бирин кучактап буркурап ыйлап жатышты, ошол убакта Нуринин да, Венеранын дагы телефону чырылдап калды.

- Ата, биз Покровкага кайрылган жерде турабыз, - деп жооп берди Венера.

- Мен кантим жооп берем, өчүрүп салдым, - деп ыйлап турду Нури.

- Азыр айтпай тур, өлүмдөн калдык, атама ачык эле жаздым, болбосо экөөбүздү өлтүрмөк.

- Ушундан көрө өлтүрүп койгону жакшы эле, элдин арасында эми кантип басып жүрөбүз.

- Нури, мени кечирип кой, менин кесепетимден сен дагы зыян тарттың, менин өлгүм келген жок, колум жооруп калды, бошонуу үчүн аракет кылып аябай жанталашпадымбы?

- Мен өлтүргөнүнө кайыл болгомун Венера, үйгө барсам деле өзүмдү өзүм өлтүрүп салам, ушундай кордуктан кийин кантип жашайм?

- Нури, антпечи курбум, тезирээк басалы, жолго чыгышыбыз керек, - деп Венера Нурини колунан ала жетелеп келе жатты, колу-буттары көгөрүп шишип кеткен, баса албай аксап келе жатканда Венеранын атасы кайра чалды, ал жете электигин айтып эптеп аксаңдап жолго жетишкенде эки машина менен күтүп турушкан экен. Экөөнү салып алып шаардагы ооруканага алып келип жаткырышты, алар болгонун болгондой кылып айтып беришти. Арген эртеси эле самолет менен Россияга учуп кетип калды, аны депутат тагасы баарына дайындап билет даярдатып жөнөтүп жиберди. Кыздар сакайып үйлөрүнө келишти, Калысбекти суракка алышты эле анын тиешеси жок деп кыздар актап кетти. Ошентип Венера шаарга ата-энесиникине келди, анын документтин даярдап бүтүп окууга киргизип койду, бирок Венера окууга көңүлү келбей үйдө жатып алды. Анын көңүлүнө карашып ата-энеси эч нерсе дебейт, бирдеме десе эле айрылып калчудай сезип кыймылына көз салып турушат... Зейнептин Эгембердиге келгенине эки жыл болуп калганда Фаридадан дарегин угуп бала кезден бирге окуган курбусу Саадат келип калды. Аны Эгемберди менен Зейнеп жакшы тосуп алышты, дасторкондо отурганда Саадат:

- Ошентип сен өз теңиңди таап алып мени унутуп койгон экенсиң да? - деп тамашалай күлдү.

- Ооба, бактымды картайганда таптым курбум.

- Жок дегенде телефон чалып койбойт белең?

- Менин телефонум бузулуп калган.

- Аяштын телефону болсо керек? - Эгембердиге кайрылды.

- Мен телефон кармабайм аяш.

- Мейли эми, менин курбумду куштай кылып бапестеп алыңыз эми, силердин бактыңар үчүн, - деп стаканды көтөрдү, Зейнеп экөө алып отурду. Тамашалашып отуруп тамактанышты, бир аз кызып калгандан кийин ичкенди токтотуп өздөрүнчө калышты.

- Саадат, сен дагы күйөөгө тийип албайсыңбы? - деди Зейнеп.

- Койчу, балдарым эмне дейт?

- Баары өз-өзү менен сага да жашоо керек да.

- Ошондо дагы сен түшүнүшүң керек.

- Мени энем деп атабай коюшсачы?

- Антпейт, энесин түшүнөт да, мен сага бир абышканы тапкамын, абдан жакшы адам, Эгембердинин досу, эки жыл мурун аялы өлүп калыптыр, ушу кезде аял издеп жүрөт, кааласаң тааныштырып коем.

- Койсоңчу курбум, жашым өткөндө балдарга жаман көрүнүп жүрөмбү, тынч эле неберелерримдин күлкүсүнө чөмүлүп жүрө берейин, - деп Саадат күлүп калды, - Ансыз деле он беш жылдан бери эркекти унутуп калдым ай!

- Кантип эле, сен деле тирүү жансың го?

- Баары бир, базар-балдар, ал жетпейт, бул жетпейт , - деп жүрүп ойноп күлүүгө деле убакыт болбоптур, - Муңая калды, - Өмүрдүн өткөнүн сезбей тиричилик деп жүрүп өтүп кетет экенбиз да.

- Туура, бул айтканыңа кошулам, ошентип жүрүп балдарды чоңойттуң, бутуна тургузуп койдуң, өз-өзүнчө үй-бүлөө күтүп жашап жатышат, эми балдарын багып өзүң жөнүндө ойлогонго чамаң жетпейт, сен мени туура түшүн, - деп Зейнеп көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп анан жатып калышты. Эгемберди Зейнеп жанына келип жатканда кучактап алып өөп алды:

- Зейнеп, бир сөз айтайынбы?

- Айта бер.

- Курбуң мага жагып калды.

- Ыя?! - Зейнеп башын көтөрө калды.

- Эмнеге чоочудуң?

- Сен эмне деп жатасың?

- Садыржанга Саадатты тааныштырсакпы деп айтайын дегем Зейнеп, - деди күлүп, - Оюң башка жакка кетти окшойт.

- Жок-жок, андай эмес, мен дагы ошону ойлоп жатам.

- Анда эртең тааныштырып көрөлү.

- Жарайт, эртең сүйлөшөбүз, эми уктайлы, - Экөө жаш жубайлардай кучакташып жатып калышты. Саадат эрте ойгонуп алып сыртта басып жүрдү: "Ырас эле, күйөөгө тийсе тийип алайын, жакшы адам болсо эмне экен, өмүрүм ансыз да өтүп баратат, аз өмүрүм калдыбы же… Өзүм жөнүндө кам көрүүгө акым бардыр", - деп ойлонуп бети колун жууп ичкери кирип келе жатканда Эгемберди алдынан чыкты:

- Жакшы эс алдыңызбы аяш?

- Рахмат, абдан жакшы эс алдым.

- Кирип отур, - деп коюп сыртка чыгып кетти, Саадат үйгө кирсе Зейнеп үйүн жыйып, төшөктө жаткан Нарынбайды карап чай берип жатыптыр, Нарынбайды Усман өзү үйүнө алып кетмек болгондо Эгемберди болбой койгон. Зейнеп аны түндөсү дагы карап, заараны төгүп, алдын кургактап, тамагын өзү ичирип карап жаткан, Усман менен Гүлкан дагы тез-тез келип турушат.

- Уулуңду карап жатасыңбы Зейнеп?

- Ооба, уулумдун карды ачып кетти, мүнөздөп ичип жатпайбы.

- Да-а, сакайып кетсин, - деп конок бөлмөгө кирип отуруп калды эртең мененки тамагын ичишкенден кийин Эгемберди досуна кетти.

- Тийбесең деле таанышып, сүйлөшүп кой, андан эмнең кетмек эле, - деди Зейнеп курбусуна жылмая карап, - Өзүң деле сагынгандырсың, эркектин кучагы өзүнчө эле бир бейиш да, кучакташып уктап, эртең менен кучагында ойгонгон кандай рахат?

- Сен мени азгырып жатасың курбум.

- Чындыкты айтып жатам досум.

- Жүрөгүмдү толкутуп жибердиң, эми кичине каранып алайын, - деп Саадат күлүп сумкасынан косметикасын алып жатканда сырттан кирип келе жаткан Эгембердинин үнү угулуп калды, - Ай-ий, жетишпей да калдым, - деп Саадат сумкасын ары коюп кымырыла отуруп калды.

- Жакшысыңарбы? - деп Садыржан баш ийкей учурашып Зейнепке кайрылды, - Аяш жакшы жатасыңарбы?

- Келгиле, өзүңөр кандай?

- Кудай деп жүрөбүз.

- Кудай деген жакшы эмей, отургула өйдө өткүлө.

- Келгенден кийин отурбасак болобу? - деп Саадатка жакын отурду Садыржан, - Аяш, курбуң менен таанышып алсак каршы эмессиңби?

- Жок-жок, адам болгондон кийин таанышат, сүйлөшөт.

- Менин атым Садыржан, Эгемберди менен бирге өсүп чоңойгон теңтушумун, - Саадатка күлүп карады.

- Атым Саадат, мен дагы Зейнеп менен бирге окугамын.

- Жакшы экен, - деп мурутун жанып койду, аңгыча Зейнеп чай алып келип куюп сунду.

- Чайдан ичип отургула.

- Аяштын чайын ичпесек болобу? - Садыржан култуңдай чыныны колуна алды, - Эген, бу аяшыңдын келиши менен бирдеме бузбайлыбы?

- Албетте, антпесек болбой калат го?

- Анда, - деп калганда Зейнеп:

- Убара болбо аяш, үйдөн табылат, - деп күлүп серванттан бир бөтөлкө арак алып келди, - Силер сүйлөшүп, эрмектешип отура тургула, мен чыз-пыз кыла коеюн.

- Убара болбо аяш, үйдө бирдеме бар эле алып келе калайын, - деп Садыржан туруп сыртка чыгып көптөн кийин бышкан эт менен казы картаны көтөрүп келди, - Иним той бербеди беле, берип ийген экен, жалгыз эмнени кыйратам, - деп отура кетти. Көпкө чейин бакылдашып отурушту, Садыржан менен Саадат жакындан таанышып сүйлөшүп жатышты.

- Садыржан, аялыңыз барбы? - деди кызый түшкөн Саадат.

- Болсо ушинтип келиндерге жакындатып коймок эмес.

- Кечиресиз, үйлөнбөй элесизби?

- Ылайыктуу жок, анын үстүнө жаш эмесмин, карылыктын насибинен татып калган адамга аял издегендин өзү кыйын экен.

- Ошондой деңиз?

- Ошондой, карыганда бойдок болуп калдым.

- Кыйын болгон экен.

- Айтпа, аялдан артта калган эркек жетим баладай болуп калат экен да, кокус сизди жактырып калдым десем кантет элеңиз?

- Болбойт го?

- Неге?

- Ушу жашымда күйөөгө чыгууга болот бекен?

- Боло берет, жашоонун өзү табышмак.

- Балдарымдан тартынам.

- Ооба-а, аял киши жалгыз камыкпайт экен, эркекке өтө оор…

- Аныңыз туура, аракет кылсаңыз табылап калаар.

- Көңүл улаганыңызга рахмат.

- Мамилеңер, сүйлөгөн сөзүңөр жигиттерден калышпайт экен, - Саадат кылыктуу күлүп калды, - Чалдардай эмессиңер.

- Картайган менен жүрөк жаш да.

- Ырас эле…

- Саадат, менин үйүмө Эгембердилер менен конок болуп кет, эртең үйгө чакырайын.

- Жарайт, чакырган жерден калба, өзүң басып барба, - деген эмеспи? - Шыңкылдай күлүп Садыржанды далыга чаап койду.

- Сүйлөштүк анда, - деп Садыржан акырын чыгып кетти. Зейнеп тамак жасап Нарынбайды карап убара, Эгемберди коноктору менен маектешип отуруп досу менен бирге чыкты, Саадат Зейнептин жанына келди.

- Саадат, - деди Зейнеп, - Садыржан жактыбы?

- Жакты, бирок баары бир мен чыга албайм го.

- Эмнеге?

- Жок, мен балдарыма айта албайм.

- Билгизбей тийип кет да.

- Кантип?

- Ушинтип эле, акыры угуп тим болушат.

- Ой корком, азыр башым дагы ооруп турат, көп ичип койдум окшойт досум, андан көрө эртең кетейин, меймандос жакшы күйөөгө чыгыпсың, өзүң бактылуу бол, - деди Саадат.

- Айтканың келсин курбум, сен жакын келсең андан да жакшы болмок, - деп жылмайды, алар ошентип сүйлөшүп отурганда Усман менен Гүлкан келип калды, учурашып Нарынбай жаткан бөлмөгө өтүп кетишти, Зейнеп алар менен бирге кирди.

- Уулум, акыбал кандай? - Усман уулун эңкейе өөп зээни кейип кетти, - Садагам ай, ушу кеселден сакайып кетсең экен, бармактай баланы оорутканча мага берсе эмне? - деп тегеренип кетти.

- Каралдым, - деп Гүлкан өпкүлөп, ыйлап жатты, - Садагам десе сакайып кеткениңди көрөөр бекенмин?

- Гүлкан, ботом ал эмне дегениңер, - Жүргүлөчү сыртка, - деп Зейнеп аларга ачуулана алып чыкты, - Оорулуунун көзүнчө андай дебегиле да, көз жашыңарды көрсөтпөгүлө, баланын оорусун күчөтүп жатпайсыңарбы?

- Чыдабай кетип жатпайынбы?

- Чыдаш керек, андан көрө баланын үмүтүн жандырып, көңүлүн ачып тургула, - деди да Зейнеп ашканага кирди. Усман менен Гүлкан уулунун жанында көпкө отурду, Эгемберди келгенде ага Усман өзү сүйлөшүп жатып Нарынбайды үйүнө алып кетти. Анткени Нарынбайдын акыбалы оорлой баштаган эле, бир бөйрөгүн алдырган соң өзүн жаман сезип, кыйналып жаткан, кайра ооруканага алып бармак болуп кеңешип анан алып кетишти. Эртеси таң эрте Садыржан келип Эгембердилерди чакырып кетти, алар менен Саадат дагы бар эле. Алар келсе казанда эт кайнап жатыптыр, күйөөдөгү кызын чакырып дасторкон даярдаткан экен, заңгыраган үйдүн төрүндөгү залга кирип орун алышты.

- Саке, сен үйлөнчүдөй камынгансың го? - деп тамашалады Эгемберди каткыра.

- Болсо болот да, үйлөнүүгө да алыс эмес.

- Болсун-болсун, - Зейнеп Саадатка көз кыйыгын салып күлүмсүрөп койду, - Аяштуу болот экенбиз да.

- Алыс эмес, буйруса болуп калат, - Садыржан Эгемберди экөө табакка эт көтөрүп келишти, - Баса бир-эки күндөн кийин майрам келе жатат, Зейнеп келгенден бери коноктой элекмин, аял болбосо кыйын экен, - деп Садыржан устуканды коюп, кесмени алып келип анан койкойгон бөтөлкөнү алып келди.

- Мынчалык убара болуунун кажети жок эле, - деди Зейнеп.

- Ошону айттым, убара болбой эле койсоң болмок, башка бир себеби болсо анда сөз жок, - деди Эгемберди.

- Эң башкысы жашыбыздан бери теңтушпуз, Зейнеп экөөңөрдү үйгө чакырып коноктогонум болсун, бактылуу болгула, андан кийин Саадат айым менен жолугушканым үчүн, деп стакандарга арактан куюп сунуп жатканда Эгемберди:

- Эки коенду бир ок менен атып түшүрдүм дечи? - деп көзүн кыса күлүп калды.

- Антпесе азыр ок дагы кымбат да.

- Туура, аяш тура айтат, - дешип бакылдаша куйруктан кыя кесип чайнап коюп кылт этип аркы беркини сүйлөшүп жатышты, ошол убакта Эгембердини Улук чакырып келип калды.

- Чоң ата, Усман акем чакырып жатат.

- Кайда?

- Үйгө тез келсин деди.

- Макул, барып калам балам, - Эгемберди небересине устуканын берип жөнөтүп ийди да беркилерге кайрылды, - Мен барайын.

- Мен бирге барайын, - деп Зейнеп кошо жөнөдү, - Силер отуруп тургула.

- Барып келгиле, биз отуруп турабыз, - деди Саадат. Экөө ээрчише чыгып кеткенден кийин Садыржан Саадатка карады.

- Сүйлөй отур Саадат, биз эми жаш эмеспиз, өмүрдүн өрүүлөр калган убагы, кыйнабайм сени, эгер макул болсоң мына жашоо, үй-жай турат, бир гана үйдүн көркүн чыгарып турган аял киши жок.

- Ойлонуп көрүү керек, балдар чоңойду, күйөөгө тийем деп айтуу кыйын экен, алар түшүнбөй жаман көрүп калабы?

- Мейли, ойлонуп көр Сааадат, мен дагы ойлонуп көрүп макул десең үйүңө эле барып колуңду сурап алайын, жашыбыз да туура келчүдөй экен, байкап көрөлү ээ?

- Ооба, экөөбүз тең бири-бирибизди байкайлы, шартка карайлы, саат-убакыт келсе көрөөрбүз.

- Кел анда, көңүл көтөрчүдөн алып отуралы.

- Алса алалы, кээде ичип койгондон эч нерсе болбос, - деп экөө кагыштырып отуруп кызып калганда сыртка чыгып экиштерин бекитип келди Садыржан. Анан экөө төшөккө киришти, бири-бирин толуктап, эңсөөсүн баскан эки жаш ошол убакта ырахатка батышты, - Сенин кубатың жайында экен, - Саадат жылмая күлүп койду.

- Кудурет бар, бирок балдардан тартынасың, алар өздөрү да аял издеп жатышат, ылайыктуусу жок болуп жатса керек, өткөндө бир жаш келинди тапкан экен болбодум. Балдарындай келинди алыптыр дештен уялдым, - Садыржан чын сырын айтып төшөк ичинде көпкө жатышты, - Эгембердилерге эмне болду, кечикти го?

- Эмне, ушул абалды көргөзмөксүңбү? - Саадат шыңкылдай күлдү, - Кой, кийинели, келип калышса уят, - деп кийине баштаганда Садыржан кайра баштады, ошентип кечке маал туруп жуунуп анан карды ачып калган экен чай менен тамакка отурушту. Кеч киргенде ээрчишип Эгембердиникине жөнөштү, алар келсе үйү кулпу салынып туруптур. Кайра артка кайрыла бергенде келип калышты:

- Ой кайда жүрөсүңөр? - деди Садыржан көрө сала.

- Бала ооруп, ысытмасы көтөрүлүп шаарга алып кетишти.

- Сакайып кетсин, кудай жар болсун.

- Айтканыңар келсин, эми кудайдан башка айла калбады окшойт, - Эгемберди капалуу үйдү ачып киришти.

- Аз жерден үйлөнбөй калдык, - деп күлүп калды Садыржан, - Силер жокто эле өзүбүз билели дедик эле.

- Анда жакшы болмок, куттуктап барып калмакпыз, - Зейнеп аны карай күлдү, - Ошондо кубанмакпыз.

- Тамаша, аяшың өтө тамашакөй экен, отуз жыл илгери кандай болду экен ошого таңмын.

- Оо ал кезди айтып ич кызытканда эмне, өтөөр кез өттү да.

- Ооба-а, өттү го бир мезгил аттиң, - деп Эгемберди оор күрсүнүп алды, - Эми балдардын жамандыгын көрсөтпөсүн.

- Тилегенибиз ошо эмей, анда мен кетейин Эген, үй ачык калды, - деп Садыржан аларга кайрылды, - Саадат, кетсең жакшы бар.

- Жакшы тургула.

- Кайрылып бир келип кетээрсиң?

- Көрөбүз го, шарт келсе.

- Макул, - деп Садыржан сырдуу коштошуп жөнөй берди.

- Врачтар шаарга алып баргыла дедиби? - Зейнепке карады.

- Ооба, операция жасалган жери бирдеме болсо керек, бала чыдабай кетти, - деди Зейнеп. Ошол күнү түнөп Саадат эртеси кете берди, Зейнеп узатып жатып дагы ага кайра-кайра айтты. Ойлонуп көрмөк болуп коштошту ал… Венера окубай койду, эч жакка чыкпай үйдө жата берет, Нури болсо үйүнө барган күнү эле муунуп өлүп калган, Кутман менен Фарида андан көзүн албай, өздөрү бир жакка кетсе балдарына табыштап турат. Усмандын баласы ооруп кайра келгени ооруканада күнү-түнү болуп жаткан, бир күнү Фарида Венерага:

- Венера, бүгүн сен барып келчи, мен салмактанып ооруп турам, бир аз жатып эс алып алайын, - деди.

- Баргым келбейт.

- Нарынбайды көрүп койбойсуңбу, экөөңөр бирге өстүңөр эле го, анын абалы өтө оор.

- Жакшы боло элекпи?

- Ошол жакшы болсо аны тегеректеп неге барабыз?

- Анда барып келейин, - деп даяр тамакты алып алды да жөнөдү, ал келгенде дагы алдастап дөөрүп үстүнө врачтар киши киргизбей жаткан, Гүлкан менен учурашып тамагын берди:

- Жеңем келген жокпу? - деди Гүлкан.

- Апам ооруп калыптыр, эртең келет го, Нарын кандай жеңе?

- Билбейм, бөйрөктөрү жарабай калган имиш, - Гүлкан ыйлап жатты, - Эмитен бөйрөгү ооруганы эмнеси десең?

- Капаланбачы жеңе, жакшы болуп кетет, - Венера жеңесин кучактап алып ыйлап отурганда Усман менен Кутман келди.

- Эмне болду, донор табылдыбы?

- Жок, бир аз жардам келди, бирок донор жок.

- Эми эмне кылабыз?

- Билбейм, менин дагы башым катып калды.

- Кабатыр болбогула, буйруса уулум сакайып кетет, - деп Кутман иниси менен келинин жооткотуп жатты, - Такыр болбосо мен бир бөйрөгүмдү берем, өз каным эмеспи.

- Аке, андай болсо өзүм деле аянбайм баламдан, менин бөйрөгүм туура келеби, врачтан сурап көрөйүнбү? - Усман кубана тура калып врачтын кабинетин көздөй басты. Ал врач менен сүйлөшүп чыкты, акыры баласына өзүнүн бир бөйрөгүн салдырды, чет өлкөдөн тажрыйбалуу мыкты врач-профессорлор келип операция ийгиликтүү өттү, Нарынбай бир-эки жумадан соң ордунан туруп калды. Усман бир аз ооруп өзүн жаман сезип жүрдү, бирок баласынын сакайып баратканын көрүп кубанып алат. Венера бир жылдан кийин баарын унута албаса дагы кайра тапшырып финансылык окуу жайына окуп калды. Эркектерди көргөндө жини келип, көз алдына Нури көрүнүп өзүн коерго жер таппай кетет. Күздүн салкын жел аргысы чачтарынан сылагансып, саамайы желге сеңселип жолдо келе жаткан.

- Кандай Венера, - деген үн анын жүрөгүн солк эттирди, карай койсо Калысбек турат, - Кандай акыбал?

- Кандайын сурайсың? - Кабак чытый жооп берип өтүп кетмек болду эле Калысбек тосуп калды.

- Венера, мендан качпа, бир аз отуралы.

- Шашып жатам.

- Койчу эми Венера, менин сага жаман оюм дагы жок, ошол күн үчүн сенден кечирим сурайын дегемин, эгерде мен силер менен бирге болгонумда мындай болбойт беле, өзүмдү ушул убакка чейин күнөөлүү сезип кечире албай келе жатам.

- Өткөндү эстетүүнүн кереги барбы?

- Өз күнөөмдү айтып жатам, алдыга кетип калбай силердин жаныңарда болгонумда болмок, Нурини эстесем өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет, бекер кылды өз жанын кыйып.

- А мен өлө албадым…

- Антпечи Венера, өз жанын кыйган дагы күнөө.

- Эмне дегиң келет Калыс, менин эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Кыз-жигитти тикирээ карады, - Ал жырткыч кайда жүрөт?

- Ал Москвада экен, өткөндө таежем келген, ошол айтты.

- Жүзү караны эми көрсөм өз колум менен өлтүрмөкмүн.

- Жаман сөздү сүйлөбө Венера, андайга сөз короткондон көрө атын атоо оордук кылат, - деди Калыс.

- Билбейм, жек көрөм, сенин дагы күнөөң бар, - дегенде Калысбек ага жүзүн бурду, - Неге аны мага тааныштырдың?

- Мен атайын чакырган эмесмин Венера, ал артымдан акмалап кыздарга жолуксам эле жетип келчү, ал үчүн экөөбүз үйдөн аябай урушчубуз, апам экөөбүздү арачалап жүрүп тажап да бүткөн болчу, ошонун кеткени жакшы болду.

- Калыс, менин кетишим керек, - деп ордунан турганда алардын жанына бир жигит келип туруп калды:

- Дос, кыздын тынчын алган жоксуңбу?

- Сенин кандай тиешең бар, бул кыз менин кызым.

- Аа-а ошондойбу? - деп тигил бейтааныш жигит мыскылдуу карап айлана басты, Венера Калысты ачуулана карады:

- Калыс, эмнеге кызым дейсиң, биз жөн гана классташ эмеспизби?

- Кызым болосуң да акыры, анын эмнеси бар?

- Экинчи мындай сөзүңдү айтпай жүр, мен кеттим, - деп ылдамдай басып жөнөгөндө Калыс артынан чуркады:

- Венера, токточу Венера!

- Жолобо мага, сенин айыңдан канча азап тарттым, сени көргүм келбейт, жолобо мага! - деп жүгүрүп аялдамага жетти, Калыс дендароо боло туруп калды, бейтааныш жигит Венеранын артынан барып аялдамага туруп калды, Венераны күтүп туруп ал түшкөн унаага түшүп кыздан көзүн албай келе берди. Шаардын орто жерине келип көп кабаттуу үйлөрдүн тушуна келгенде токтоп түшүп калды, бейтааныш кошо түшүп анын кирген үйүн көрүп артка кайтты. Бул жигит Арген атайын жөнөткөн Бактияр деген жигит эле, Арген аны ким менен жолугуп жатканынан кабар алып тур деп атайын жөнөткөн болчу. Үйгө кирип өзүн жеңил сезе түштү: "Ай ушу Калыстын дагы азабы өттү, мен аны сүйбөсөм эмнеге жабышат, акмак десе, Аргенди сүйдүм эле, эми жүрөгүм муз болуп тоңуп турат, атын эстегим келбейт", - деп ойлонуп бутун чечип өз бөлмөсүнө кирип кетти. Фарида кызынын бөлмөгө кирип кеткенин көрүп артынан кирди:

- Венка, сабагың кандай кызым?

- Нормально мама.

- Кабагыңа кар жаап калыптыр, бирөө бирдеме дедиби? - Жүзүнө үңүлө караганда Венера апасына шарт бурула:

- Эмнеге эле мени аңдый бересиңер? - деп кыйкырып ийди.

- Кызым, мынча эмнеге ачууң келди балам?

- Эчтеке, жадагалса он мүнөт өзүмчө ойлонгонго да убакыт бербейсиңер, мени жайыма койгулачы ма-ама!

- Болуптур кызым, болуптур садага, унчукпайм мындан ары, - деди да Фарида бөлмөдөн чыгып кетип катуу ойлонду: "Бул али стрестен чыга элек экен, психологго көрсөтүш керек, болбосо ооруп калышы мүмкүн", - деп тунжурап отуруп калганда Кутман кирди.

- Венера үйдөбү Фарида?

- Ообу үйдө, эмне болду?

- Сүйлөшчү сөз бар.

- Адегенде айтчы, угайын.

- Сага кандай тиешеси болмок эле, кызымды бир досумдун баласына күйөөгө бермек болдум.

- Эмне, Венераныбы?

- Ооба, эмнеси бар экен?

- Токто Венерага угузба, ал дагы эле стресстен чыга элек, бүгүн ал негедир ачуулуу, эмнеге экенин билбейм, өзүнүн тагдырын ойлонуп азап чегип жүргөн өңдүү, - деди үнүн пас чыгара.

- Анан, анан эмне кылабыз?

- Ал кандай неме экен, билеби баарын?

- Ооба, баарын билишет, бирок биз менен куда болгусу келет.

- Ошого Венка болот деп ойлойсуңбу анан?

- Кайдан билем, аз-аздап өзүнө келээр.

- Кутман, жок дегенде экөөбүз түшүнүүбүз керек, кызыбыз азыр жаралуу, унутуш үчүн көп убакыт керек, аны күйөөгө берүүгө ашыкпа, - деп Фарида Кутманга көп сөздөрдү айтты.

- Ма-акул анда, врачтарга көрсөтөлү ээ?

Ата-эне жалгыз кызынын тагдырынын талкаланганына ичтен сызып көңүлүнө карап убакыт өтө берди, Атай менен Мукай азыр жашыраак, мектепте окушат, андан кийин керээлден кечке компьютерде жүрүп кеч келишет. Венеранын артынан түшүп күндө аны узатып кайра үйүнө жашыруун жеткиче күзөткөн Бактияр өзү аны сүйүп калды. Арадан он күн өткөндө Арген ага телефон чалды, Бактияр ага тескери жооп берди.

- Алло Арген, Венераны мага күзөттүрбөй ата-энеси өздөрү алып кетип жатат, - дегенде Аргендин ачуулуу үнү угулду:

- Мен сага эмнеге акча төлөп жатам, баш-шымды оорутпай кыздын кимдер менен жүргөнүн бил!

- Жарайт, бирок ал эч кимге жолуга элек, өтө капалуу жүрөт, көңүл чөгүңкү экен балким…

- Эмне балким, анда аны эптеп Москвага жеткиришиң керек!

- Кантип, ал буюм эмес адам да.

- Мага баары бир.

- Аракет кылып көрөйүн, - деп Бактияр телефонун өчүрүп салды: "Жиндини тапкан экенсиң, мен эми сени Венерага кадам жолотпойм", - деп сөгүнүп алды да ары жакта келе жаткан кызды көрүп астынан чыкты:

- Салам сулуу кыз?

- Сиз кимсиз? - Венера аны каштарын жыйрып, кабагын тырыштыра карады, - Качыңыз жолдон.

- Ой-ой чоң кыз, ачууланбаңыз мынчалык, мен сизге жаман оюм жок эле таанышкым келген, бул жерде турам, коңшу экенбиз.

- Таанышууңуздун максаты эмнеде?

- Тааныш болуунун эмнеси жаман сулуу?

- Билбейм, эч нерсеге көңүлүм жок.

- Атыңызды атап койсоңуз.

- Венера.

- Эң сонун, менин атым Бактияр.

- Тааныштык, болдубу эми?

- Биринчи күн, жетишээр дейм, - Жылмая карап жол бошотуп койду.

- Рахмат, - Венера өтө берип ушинти да басып кетти, Венера Бактиярды жактырып калгандай болду: "Дурус эле жигит экен, өң-келбети да келишкен", - деп ойлоп алып кайра ал оюнан кайтып: "Арген деле сулуу эмес беле, акыры эмне болду, жок-жок, мен эч кимге ишенбейм", - деп тез-тез басып баратып токтой калды да артына бурулду, Бактияр дагы эле карап турган экен, шарт артка жүгүрүп үйүнө кирип кетти. Ошондон баштап Бактияр ал сабактан чыкканда даяр болуп үйүнө жеткирип келет, жолдон бал муздак алып берет, экөө ар нерсени сүйлөшүп каткырып күлүп үйүнө кайтат, Бактияр Зарылбүнүн эң кичүү баласы, Байтурдан кичүүсү, ошол арада Бактиярдын туулган күнү болуп агасы ага машина белек кылды, агасынын фирмасында иштейт, ошондуктан Венеранын артынан жүрөт. Арген менен шаарда жүргөндө бир казинодон таанышып калган, кийин кетээринде ага жолугуп Венеранын соткага тартып алган сүрөтүн чыгарып ага берген. Эми минтип өзү сүйүп калган соң Аргендин чалганына жооп бербей жүрдү, анткени анын Кыргызстанга келе албасын билчү. Венера бара-бара Бактиярга тартылып баратты. Бир күнү таптакыр жооп бербей койгондо Арген кат жөнөтүптүр: "Мен ал кызды зордуктап койгомун, бирөөдөн калган кыздын сага кызыгы канчалык", - Бул катты окуган Бактиярдын башына келтек тийгендей эле болду: "Калп, кызганып жатса керек, мүмкүн эмес", - деп кечке кыжаалат болуп жүрдү. Эртеси Венерага жолугуп кафеде отурганда Бактияр туруп туалетке кеткенде телефону чырылдап калды, Венера унчукпай отура берди, телефон өчүп кайра чырылдады, Бактияр жок, телефонду ала коюп караса Арген деген чалып жатыптыр, болгондо дагы Москвадан. Жүрөгү шуу дей түшүп кое коюп ордунан туруп эшикти көздөй ылдамдай басып баратканда:

- Венера, кайда жөнөдүң? - деген Бактиярдын үнү угулду, бирок кайрылбай ыйлап жүгүрүп кетип жатты: "Бул Арген жиберген неме тура дагы алданган экенмин неге мындай", - деп ыйлап кетип жатканда Бактияр артынан жете келип карыдан кармап калды.

- Кое бер, менин кетишим керек.

- Венера, түшүндүрчү мага, эмнеге минтип жатасың?

- Жөн эле, мени кармаба кетем! - деп колун жулуп алып келе жаткан унааны токтото түшүп кетип калды. Бактияр таңгала туруп калды да кайра кайрылып барып үстөл үстүндөгү тамакты жиндене ичип жатканда телефону жан-алы калбай чырылдаганынан караса Арген экен, өчүрүп салып караса он чакты жолу жалаң эле ошонун чалганын көрдү. Ошондо гана Бактияр: "Демек ошондон качкан экен да, Аргендин айтканы чын окшойт, болбосо жөн эле минтмек эмес", - деп ойлонуп кафеден чыкты да Венерага кат жөнөттү: "Венера, сенин менден неге качканыңа түшүнбөй калдым, анткен менен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм сени, жакында апама айткамын, сени үйдөгүлөр менен тааныштырмак болгомун, эгерде байкабай капа кылып алган болсом кечир", - деп жазганына жооп болбоду. Үч жолу кат жөнөттү, акырында: "Венера, менин сүйүүм сени тажатып жиберсе кечирим сурайм, жүрөк каалоосунан чыга албадым, сенин жаркылдаган жамалыңа түн түшүргүм келбейт, аман бол, бактылуу бол", - деп жазды да үндөбөй жооп күтүп жатып калды, ал күнү, анын аркы күн дагы жооп болбоду. Бактиярдын тынчы кетип окуу жайга барып алыстан карап туруп Венераны көрүп акмалап аялдамага андан үйүнө чейин барды, Венеранын капалуу жүзү, башын жерге салып ойлуу баратканын көрүп: "Акмак десе, Арген муну коркутуп койгон окшойт, мен муну мындай таштаганым адамгерчиликке жатпайт, андан көрө буга сюрприздерди жасашым керек", - деп ойлонуп номерди жашырды да кат жөнөттү: "Сулуу кыз сени бүгүн чоң сюрприз күтөт, Деликат кафесине келип өз бактыңызды сынап көрүңүз", - деп жөнөтүп ийип гүлдөрдү даярдап баарын заказ кылып коюп саатын карап күтүп калды. Бир кезде жасанып алып келе жаткан кызды көрүп босогодогу бирөөнө гүлдү карматты, үч-төрт жигит улам тосуп гүл карматкан соң өзү орундукка жүзүн тосуп гезит окуп отурган, акырын байкаса кыз эки жагын каранып сюрпризди күтүп туруп калды, бир кезде тейлөөчү келип:

- Бул жерге отуруңуз, - деди Бактияр отурган үстөлдү көрсөтүп.

- Адам отурат, бош жерге отурайын.

- Жо-ок, ушул жерге отуруңуз, - дегенде элеңдей отуруп калды. Ошол кезде кафенин ырчыларынын музыкасы жаңырып.

- Урматтуу кафенин коноктору, сиздердин көңүлүңүздөрдү буруп Венера деген кыздын биздин кафеге келиши менен куттуктайбыз, - деп ырдай баштады, Бактияр эки жагын каранып ыңгайсызданып турган Венераны гезиттин бир жагынан карап алды да ордунан туруп гезитти ары койду:

- Бактияр?! - деп көздөрү чанагынан чыга түштү.

- Бүгүнкү ар бир мукамдуу ыр Венера айымга арналат! - деди ошондо музыкант.

- Бактияр, муну кандай деп түшүнсө болот?

- Венера, - деди Бактияр ага жылмая карап, - Урматтуу кафенин катышуучулары! - деди үнүн бийик чыгарып, - Мен бүгүн өзүм сүйгөн кызга өз сүйүүмдү сиздердин алдыңыздарда айткым келет! - дегенде зал ичи ышкырык - чууга толду.

- Азамат!

- Сүйүшкөндөргө даңк! - деп ызы-чуу, кол чапкандардын үнүнөн кыз жүрөгү толкуп, жүзү албыра үн дей албай отуруп калды, Бактияр ага акырын келип ийиле колун сунду, Венера аста туруп колун берди, жай музыка жаңырып, зал ичи кызгылт көгүш жарыктарга толуп кубулуп турду, Бактияр менен Венера бийлеп жатты.

- Эмнеге мындай кылдың? - деди Венера шыбырай.

- Менин сүйүүмдү түшүнсүн дедим, азыр сени апам, ага-жеңемдер менен тааныштырам, каршы эмессиңби?

- Уят го, Бактияр мен сага бир нерсени айтуум керек эле, - дегенде Бактияр анын оозун колу менен баса койду:

- Ооба же жок де.

- Бактияр…

- Эч нерсе уккум келбейт.

- Болуптур, - дегенде Бактияр Венераны жерден так көтөрүп алып кафеден чыгып кетти.

- Уялып жатам, кантип барам, атамдар укса эмне дейт?

- Эмнесине уяласың, махабат кылмыш эмес Венера, - Бактияр сыртка чыгып унаасына салып айдап жөнөдү, Венера алар токтогондо эки кабат үйдүн алдына келип токтогонун көрүп: "Аябай бай турат окшойт, мени жактырабы апасы, жактырганда менин айыбым ачылып калса Бактияр артын карабай басып кетет го, сөзсүз эртерээк айтышым керек", - деп ойлонуп калганда:

- Венера, эмнени ойлонуп жатасың? - деди машинадан түшүп баратып, - Ойго чөмүлүп кеттиң да?

- Эч нерсени ойлогонум жок, апаңдардан тартынып жатам.

- Тартынба, алар деле адамдар, менин апам, агам менен карындашым, - деди эшикти ачып колун суна, - Биз келдик.

- Келдикпи? - деп колун берип унаадан секирип түштү, аны колунан алып жетелеп алып дарбазаны ачып кирип, эки кабат үйдүн эшигин ачып:

- Кана, кириңиз чоң кыз, - деди колун ичкериге жаңсай жылмая.

- Ким? - деп жаш кыз бөлмөдөн чыга калып элээ карап туруп калды:

- Сейил, апам үйдөбү? - деп сурады Бактияр андан.

- Апам үйдө эле…

- Үйгө конок келди, апама айтып кой.

- Макул, - деген Сейил кайра бөлмөгө кирип кеткенде артынан эле кирип барышты, - Апа…

- Апа, биз келдик! - деп Бактияр айтканда Зарылбү тура калды:

- Кел балам, айтып койсоң болот эле го?

- Сюрприз кылайын дедим, - Бактияр Венерага кайрылды, - Бул менин апам, бул карындашым, аты Сейил.

- Саламатсызбы? - деп Венера Зарылбүгө карап башын ийкеди.

- Саламатчылык кызым, кел отура гой, - деп Зарылбү креслону көрсөттү, - Сейил чай-пай алып кел кызым.

- Макул апа, - Сейил бөлмөдөн чыгып ашканасына кирип кетти, Байтурдун аялы дагы иштен кеч келет, Зарылбү уулун башка бөлмөгө алып чыгып тилдеп кирди.

- Эсиңе кирбей койдуң дегеле, кандай немени алып келдиң, ким билет, телефон чалып айтып койбойт белең?

- Апа, мен Венераны сүйөм.

- Сүйүүң менен сүмүрөн кал, Байтурдан улам өзүң эле түшүнбөйсүңбү ыя, аялы ажыдаардан жаман.

- Апа, Венера андай кыз эмес, ата-энеси бар, шаарда турушат, мени уят кылбаңызчы, - деп Бактияр апасын бекем кучактап алып көтөрүп айланкөчөк болуп жатты, - Апа, келиниң жактыбы, айтсаң апа?

- Али билбейм, бас эми тамак дагы даяр болуп калды.

- Сиз макул болсоңуз эле тамак ичебиз, болбосо Венераны жетелеп алып ашуу ашып, тоо басып, аска тоону аралап, кумдуу чөлдө, какыраган ээн талаада ачтан өлсөм да кетип калам апа! - деп Бактияр куудулдана ары карап бери карап апасын күлдүрүп ийди.

- Макул - макул, бирок шашпа-а, мен али макулдугумду бере элекмин, - деп Зарылбү күлө карап баласын өөп койду, - Сен дагы чоңоюп калыпсың го тентек.

- Ооба апа, мен чоңойдум, эми сага келин алып берем, - деп кубанычтуу кайра Венера отурган бөлмөгө келди, - Венера, апамды көрдүңбү, ал аябай кубанып жатат, ага сен жагып калдың.

- Бактияр, мен тезирээк кетпесем үйдөгүлөр күтүп кабатыр болушат, - Венера Бактиярдан көзүн ала качып жер карады.

- Шашпай отура тур эми, азыр апам келет, өзүм жеткирип коем.

- Макул, бирок тезирээк болсо болот эле… - Аңгыча Байтур менен аялы Салима келип калды, баары чогуу дасторкондо отурушту, үстөл үстүндө эмне гана жок, баары жайнайт, отургучта чалкалай отурган Байтур:

- Сүйлөбөйсүңбү? - деди сырдуу жылмая.

- Аа-а, - Бактияр кайсактай апасын бир, Венераны бир карап туруп калганда Зарылбү.

- Уулум, Бактияр бүгүн бизге болочок келинибизди тааныштырганы алып келиптир, - деди да Венерага кайрылды, - Кызым, кайсы жердин кызысың, ата-энең барбы?

- Ооба, Кара-Балтада турабыз, ата-энем шаарда.

- Бир туугандарың барбы?

- Мен улуусумун, эки иним бар.

- Жакшы, - деп унчукпай калды Зарылбү.

- Шаардын каеринде турасыңар? - Байтур сурады.

- Турусбекова көчөсүндө, - Ошол кезде Бактияр ортодон чыга калды:

- Ата-энеси биерде, чоң атасы Кара-Балтада, аты Венера.

- Жакшы кызым, окуйсуңбу? - Зарылбү сынай карады.

- Ооба, КУУда окуйм.

- Жакшы экен, келгиле тамакка карагыла, - деп адегенде өзү колун созду, андан кийин гана балдары шарт-шурт эттирип ичип киришти, Венера анда-мында алып коюп анча иче албады.

- Бактияр, мен кетейин, - деди тамак ичилип бүткөн соң.

- Мен жеткирип коем, - Бактияр тура калды.

- Жакшы калыңыздар, - Венера Бактияр менен ээрчише чыгып баратканда Зарылбү:

- Жакшы бар кызым, - деди, алар чыгып кетишти, - Жакшы кыз көрүнөт, тарбиясы деле дурус окшойт.

- Бактиярга жакса болду да апа.

- Ооба, ошентсе дагы жаңылып калбасын деп жатпайынбы.

- Ай апа, ал биздин колдо эмес да, тагдырың жаңылдырса айла барбы, ал алланын колундагы иш, - деди Байтур бакылдай, - Мен эс алышым керек.

- Эс ала бер балам, Салима сенин ишиң кандай?

- Баары жакшы апа, Илгиз ыйлаган жокпу?

- Жо-ок, азыр эле уктады.

- Аа-а деп коюп ал дагы бөлмөсүнө кирип кетти.

- Ээ кудай ынсап бере гөр, ээ Сейил идиштерди жыйна кызым.

- Апа, жеңем кана?

- Ал баягы да, жатканга кирип кетти, өзүң жасай кой кызым.

- Биз эмне аларга кызматчысы белек, тапкандарын милдет кылышпасынчы! - деп Сейил жиндене идиш аякты калдыратып жыйнап жатканда Салима келип:

- Сага эмне болду анчалык? - деди тикирээ.

- Эмнеге анан…

- Эмне анан, силер болбосоңор кызматчы жалдап алышым мүмкүн, көп сүйлөнбөй кыл, болбосо тим кой, акчага иштегендер толо тазалатып алам! - деди да кайра бөлмөсүнө кирип кетти.

- Ой жылаан, ой жылаан бул не дейт, силер болбосоңор дейби? - Зарылбү ордунан туруп аркы-терки басты, - Ушуну укпай жанагы менин балам кайда жүрөт ыя?

- Койчу апа, андан көрө Бактияр акем үйлөнсө, чогуу чыгып кетип калабыз, - деп Сейил идиш аякты жууп тазалап коюп анан Зарылбү экөө бөлмөлөрүнө кирип сүйлөшүп жатышты.

- Апа, Венера жактыбы сизге?

- Кыз экенинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат, - деген да кызым, ата-эненин колундагы кыз назик, таза көрүнө берет кызым.

- Мени дагы ошентип башка бирөөлөр айтышсачы?

- Адам ар түрдүү, менин айтканым сага таберик болсун кызым, асты улууну сыйлагандан кичирейип калбайсың, сеники туура болуп турса деле каяша кылба, колуңа жугуп калбайт жумушта кайсарлыктын пайдасы жок, барган жериңде бек отур болбо.

- Койчу апа, айтканыңыз кулагыма жат болуп калды, өзүмдө деле кирди-чыкты акыл бардыр, - деп таарына түштү Сейил.

- Мен сени жаман болсун деген жокмун.

- Билем.

- Апа, али жата элексиңерби? - деп Бактияр кирди.

- Сени күтүп отурабыз уулум.

- Эмнеге? - Бактияр апасы менен карындашын карап туруп калганда Сейил аны тамашаламак болуп апасына көзүн кысып:

- Сизди күтүп жатабыз, себеби алиги кыз бизге жакпады, - деди кабак чытып.

- Эмнеге апа, эмнеси жакпай калды, кадимкидей эле кыз, эч жеринде кемтиги жок, өзү сулуу, назик.

- Уулум, - деп Зарылбү ойлуу карады, - Катын алсаң кайын ал, катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал, - деген сөздөр бекер айтылбаган, асты аял деген келген жерин сыйлай турган болсун, ажыдаардай азуусун арсайтып турса асты кутула албайсың.

- Апа, муну эмнеге айтып жатасыз?

- Салиманы көрүп турасың го балам.

- Эми апа, ар ким ар кандай болот да.

- Ал туура, бирок менин балам бир аялдын сөзүнөн чыга албай калганы өкүнүчтүү, эне балдарынын бактысын гана ойлойт, кайсы эне эле баласынын аял алдында алсыз кулга айланышын кааласын. Байтур аялдын оюнчугуна айланып калды, өзү билип чечим чыгара албайт, сен андай болбо уулум, жакын адамдарыңды коргой бил.

- Апа, мен силерди сөзсүз коргойм, сизди умай энедей көрүп өзүм багам.

- Ооба-а, Байтур агаң дагы ошентчү балам, ал дагы дал сен айткандай айтаар эле, эми эч нерсе билбегендей гана үйгө кирип кетип, ажыдаарынын бизге уусун чачканын угуп-билип туруп жатып калат.

- Койчу апа, капаланбаңыз эми, мен үйлөнсөм өзүбүзчө жашайбыз, агам бул үйдө калат, - деп Зарылбүнүн жанында отуруп алып кучактап алып сүйлөп жатканда бир жагына Сейил келип отурду, үчөө бир топко чейин отуруп анан өз бөлмөлөрүнө эс алууга киришишти. Байтур инисинин үйлөнөөрүн билип ага дал үйлөнүү тоюнда үй белек кылганга даярданып издеп жүрдү, ошол убакта аны Салима телефондон чакырып алды:

- Жумушуңда жоксуң, үйгө чалсам келе элек дешти, кайда жүрөсүң?

- Жумуштарым чыгып калды Салима.

- Кандай жумуш, мен билбеген эмне жумушуң бар деги?

- Бар, жакында Бактияр үйлөнсө аны өзүнчө бөлүшүбүз керек.

- Аа-а, ханыша келет дебейсиңби? - Салима күйөөсүн кекете карады.

- Салима, баары бир бир тууганым, ал үчүн мен кам көрүшүм керек, үйлөнсө биз менен турмак беле?

- Кандай үй издеп жатасың?

- Куду биздикиндей менин бир тууганым жөнөкөй үйдө турбайт.

- Эмне аны ханзада кылып көрсөткүң келеби, мунун баарын өзүң иштеп эмгек кылдың, иниң бекерчиликтен колу бошобой тентиреп жүрөт, сен алар үчүн кам көрүшүң керек экен да? - Жиндене кабинете булкулдап жатты, - Ушу сенин иниң, апаң менен карындашың…

- Салима, мен сага канча айтам, аларга асылба дебедим беле?

- Ушу сени, сага кайсы күнү гана жолуктум экен? - Албууттана айкырып киргенде Байтур башын жерге сала:

- Салима ушул жолу эчтеке дебечи, баары бүтөт, Бактиярга өзүнчө фирма ачып берем, анан ал жашоосун өз бетинче алып кетет, - деди салбырай.

- Ошондо дагы канча акча кетет, иниң үчүн банкрот болбосоң болду, андан көрө өздөрүнө кой да, үйлөнсө үйлөнөт, апаңдын деле катканы бар, пенсия алат, баласын үйлөнтөт да.

- Ал менин апам, менин ини-карындашым экенин унуттуңбу, кандай сен мени түшүнбөйсүң Салима, болду мындан ары унчукпа да киришпе, - деди Байтур, ал апасынын айткандарын түндөсү ажатканага кирип баратып угуп калгандыктан аялына өктөм сүйлөп айтаарын айтты да чыгып кетти. Салима унчукпай жинденип кала берди. Көп өтпөй эле Байтур особняк сатып алып апасын ээрчитип келип:

- Апа, кана өзүң биринчи кирчи, - деди күлүмсүрөй.

- Балам, бул үй кимдики, мени таңыркатпай ачык айтсаңчы? - деп үйгө аттап кирип эки жагын каранды, - Абдан кооз экен, кадимки ханзада жашачу сарайдай.

- Апа, бул үйдү Бактиярдын үйлөнүү тоюна белек кылам, мына баарын жасадым, ичин толтурдум, фирмадан түшкөн жарым пайызын Бактияр үчүн жумшадым, - деди эле Зарылбү уулун кучактап чекесинен өптү.

- Каралдым десе, ошентип бири-бириңди сыйлап, өбөк-жөлөк болуп жүргүлө, - деп ыйлап турду, жөн ыйлаган жок, уулдарынын адам болуп өскөнүнө, иштин көзүн билип эл катары жашаганына, өзүн бактылуу эне кылып отурганына кубанып ыйлап турду.

- Апа, эмнеге ыйлап жатасыз?

- Силердей уулду берген кудайга ыраазымын балам.

- Апа, сиз ыраазы болсоңуз эле менин жүрөгүм тынч болот.

- Уулум, кандай эне баласына ыраазы боло алат, бала эне үчүн кандай болгон күндө дагы бала бойдон калат, мага силердин аман жүрүп, бул өмүрдөн татыктуу жашап өткөнүңөр мен үчүн бакыт, орун тапканыңар мен үчүн дөөлөт балдарым, эми Бактиярды үйлөнтүүгө даярдык көрөлү ээ садага?

- Ооба апа, той жөнүндө баарын дайындап койгомун, фирмабыздын ресторанында камынып жатат.

- Азаматсың балам, кыздын ата-энесине качан барабыз.

- Эртең барабыз, кечинде кеңешебиз, Бактияр келгенде, кана апа үй жактыбы?

- Ооба балам, абдан жакты буйрусун балам, кудай кут кылсын, буйруп жалаң тойлор болсун, - Ойлоно калып уулун карады, - Салима билеби?

- Билет апа, экөөбүз кеңешип, үйлөнүү тоюнда ачкычын бермек болдук.

- Кудайга шүгүр.

- Эмесе кеттик, азыр Бактиярга айтпай кое туруңуз, мен бул жерге дагы конок күткөнгө даярдык көрүп коем, тойдун уландысы ушул үйдөн өтөт, - деди Байтур, анан экөө үйгө келишти. Эки күндөн кийин Венеранын ата-энесинин үйүнө барышты, тойду бир жумадан кийинкиге болжошту, Бактияр Венера менен жолугуп сүйлөшүп отурду.

- Венера, эми ишендиңби мага?

- Ишендим.

- Кимдир бирөөдөн көңүлүң калганбы Венера?

- Эмнеге антип сурадың?

- Деги да жүзүңдөн окуп турам.

- Бактияр, күтүлбөстүк болуп кетти…

- Неге, мен сени сүйөм, а сен сүйбөйсүңбү?

- Менин сага айтаарым бар…

- Венера, андан көрө айтчы, мени сен сүйөсүңбү?

- Бактияр…

- Венера, чыныңды айтчы.

- Бактияр, сен мени тшүнчү, сага турмушка чыга албайм.

- Неге?

- Ошондой, алдагым келбейт.

- Эмне деп жатасың?

- Мени туура түшүн.

- Жо-жо-ок, мен сени эмес, сен мени түшүн, мен сага үйлөнөм, а сен мага күйөөгө чыгасың, - деп күлүп койду, Венеранын айтайын деп турганын сезип турса дагы айттырбады, жүрөгү канчалык сыздап турганы менен сүйүүсү жеңди, кыздан баш тарта албады.

- Бактияр.

- Эмне дегиң бар?

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Сүйөм, а сен сүйбөйсүң туурабы?

- Бактияр, сүйөм сени бирок…

- Эмне бирок?

- Мен… мен…

- Болуптур, сен сүйбөсөң мен сени сүйөм, жакында тоюбуз болот, сен менин апамдын сүйүктүү келини болосуң, кана мага чыгууга макулсуңбу?

- Мен…

- Кана макулсуңбу? - Бактияр кызды ээгинен өйдө көтөрдү, - Макул деп койчу, мен сени сүйөм, сага турмушка чыгам деп айт.

- Ооба, чыгам.

- Азамат десе, болду андан башка сөздүн кереги жок, мен бактылуумун Венера, мен дүйнөдөгү эң бактылуунун бактылуусумун! - деп тура калып кыйкырганда Венера анын оозун басмак болду:

- Бактияр болду дейм!

- Болбойм, мен сүйүүгө масмын! - деп кыйкырып жатканда Венера жылмая карап көзүнүн жашы мөлт-мөлт этип: "Мен сенин сүйүүңө татый албайм го, кантип түшүндүрөөр экенмин, экөөбүз аппак төшөккө кирген күнү жүзүңдү үйрүп кетесиң го, ошондо жаш ордуна көзүмдөн кан агаар, кантип айтам" - деп көздөрү бакыттан күлүмсүрөгөнү менен жүрөгү канап жатты.

- Жүрү кетелиби Бактияр.

- Кеттик жаным, мен бакыттан жинди болуп кеткени турсам сенин жүзүң неге капалуу? - Колтуктап баратып жүзүнө үңүлдү.

- Билбейм, мен деле бактылуумун Бактияр.

- Ишенбейм, бактылуу адамдын жүзү мындай капалуу болбойт.

- Мм… - Сөз айта албай жер карап кете берди.

- Анда мен айтам, - деди Бактияр, кыз чоочуп кетип селт деп алды, жүрөгү болк этип: "Эмнени айтат, баарын билеби, эгерде билсе эмнеге мага үйлөнмөк болду, боору ооруп жатабы, менин аянычтуу тагдырым муну тынчсызданттыбы, неге андай болсо мен өмүр бою корунуп өтүп кетемби, жо-ок, мага башка бирөөнүн аянычтуу караганын каалабайм", - деп ойлонуп Бактиярды жаш толгон көздөрү менен карады:

- Эмнени айткың келет Бактияр? - Токтоо, калтырай үн катты.

- Венера, сага эмне болду?

- Бактияр, эгерде мага бооруң ооруп үйлөнгөнү жатсаң ушундайда токтот, менин эч нерсеге көңүлүм жок!

- Койсоңчу Венера, сен эмне деп жатасың?

- Ооба, мен сага баарын айтып берем, мен кордолгон кызмын, мен сенин мындай бийик сүйүүңө ылайык эмесмин уктуңбу, мен сенин теңиң эмесмин! - деп жүгүрүп кетип жатты, Бактияр жетип карыдан ала:

- Венера, эсиңе кел Венера, мен сени сүйөм, башкасы мени кызыктырбайт, сен менин аялым болсоң болду, - деди аны кучактап, - Сен мага ишен, мен сени өмүрүм өткөнчө сүйүп өтүүгө сөз берем, боор ооруганым жок, сени сүйөм! - карысынан силкилдетип койду, - Уктуңбу?

- Уктум, уктум Бактияр, мени кечир…

- Сенин айбың жок Венера, мындан ары жүрөгүңдөгү карайган нерсени алып сал, жаман ойдон арыл, эч качан өзүңдү кемсинтпе, келечекке жакшы үмүт, таза сезим менен кадам ташта, мен сенин жаныңдамын, - деди да унаасына отургузуп үйүнө жеткирип койду, үйүнө келе жатып терең ойлонду, бир убакта машинанын радиосун жандырды: "Москва шаарынан биздин жердештерибиз ар кандай кокустуктан каза болгон, анын ичинде эки жылдан бери издөөдө жүргөн Токтосунов Арген Ураимович дагы болгон, жердештерибиздин сөөгүн туугандары өз жерине алып келүүгө кетишти", - деп калды. Бактияр "Өх" - деп алды: "Демек сенин да күнүң бүткөн экен, кыздардын убалы жеткендир, адам болуп жаралган соң адамча жашап өтө албагандан кийин жарыкчылыктын не кереги бар адамга", - деп ойлонуп үйүнө келди. Венера үйгө киргенде эле Фарида анын түрүнө карады: "Кызымдын көрүнүшү жакшы, кудай багын ача гөр, жалгыз кызымдын бак-таалайын бере гөр", - деп күлүмсүрөй карады:

- Венка, келдиңби кызым?

- Келдим мама.

- Сабагыңда кыйналыш жокпу?

- Баары жайында.

- Эртең чоң апаң келет, сенин себиңди даярдашыбыз керек.

- Ии-ий мама, - деп барып токтоп калды.

- Кызым, сен биздин жалгыз кызыбызсың, андан көрө эртең экөөбүз эмеректер сатылган дүкөнгө барабыз, кандай мебел жагат, өзүң каалаганды алабыз ээ?

- Макул, - деп коюп өз бөлмөсүнө кирип кетти, Фарида унчукпай калды: "Турмушка чыкса алаксып баарын унутат, өзүнө келип калат", - деп өзүн жайгара ишине киришти, эртеси Зейнеп келип калды, Гүлкан ооруканада, Нарынбай дагы эле сакая элек, үйүнө чыгып барып кайра келген. Фарида абысындарын кайненесин чакырып сеп жасатты, Венеранын өзүнө тандатып диван кресло менен гарнитур алышты, баарын жүктөп үйүнө алып келип коюп ашкананын шкафтарын алып келди. Бир жумада баары даяр болуп той болоор күндү күтүп калышты. Ошол кезде Калыс Венераны акмалап жүргөн, баягыдан кийин жолукпай эле артынан аңдып Бактияр менен жолугуп жүргөнүн көрүп Аргенге чалган ал аны тукуруп: "Сен эркек эмессиң, эгер мен сендей ээн-эркин болгонумда эбак энчилеп алмакмын, Кыргызстанга барууга болбойт, бер жагы он жылдап жашырынам, болбосо ушул жакта жашап калам", - деген эле. Анын эркек эмессиң деген сөзүнө теригип бир күнү Венеранын үйүнүн жанында күтүп туруп кармап калды:

- Венера, сен менден качпачы, мен сени сүйөөрүмдү канткенде ишендирем?

- Болду Калыс, мен сенин бөлөң экөөңөрдүн ортоңордо оюнчук болуп бүткөмүн, тынчымды алба, мен эки күндөн кийин турмушка чыгам, экинчи жолумдан чыкпа, - деп түртүп ийди.

- Мен эмес, сен Аргенден кордук көрдүң, мен сага тийген жокмун го?

- Жетишет, мен сенден чарчадым, күйөөм келет, кетип кал.

- Аа-а, демек баарын унуткан экенсиң да, күйөө болчу жигитиңдин Аргендин айтуусу менен жүргөнүн билесиңби? - деди Калыс мыскылдуу.

- Калп, сен калп айтып жатасың Калыс.

- Жок жаным, чындыкты айтып жатам, ал тургай Аргендин сени кордогонун дагы билет, балким сени алдап Аргенге жеткирип берээр, - деп Калыс Аргендин өлгөнүн билсе дагы аны айнытууга аракет кылып жатты, Венера анын өлгөнүн уккан эмес.

- Калыс, сенден суранам, Аргендин атын угузба мага.

- Неге, бир кезде мени таштап аны сүйөм деп жүрбөдүң беле?

- Менде ала албаган кандай өчүң бар Калыс? - Венера ыйлай ага суроо узатты, - Мен сени классташым, досум деп ойлогомун, сен мага душман болуп калдың, неге Калыс?

- Сен сүйө албайсың, сүйүүнү сыйлай албайсың Венера.

- А сен өзүңдү сүйдүрө албайсың, - деп Бактияр чыга келди, - Эмнеге менин колуктума тийишип жатасың?

- Сен кимсиң?

- Мен Венеранын болочок күйөөсүмүн.

- Күйөөсү?! - Калыс кыжырлуу күлүп койду, - Күйөөсүмүн де, а сен колуктуңдун кандай экенин билесиңби?

- Мен Венеранын өзүн сүйөм, калганына түкүргөнүм жок! - деди да Венераны колтуктай үйүнө кирип кетти, Калыс унчукпай муштумун түйө кала берди. Венера ыйлап турду:

- Бактияр, кеч боло электе тойду токтот, менин сага айталбаган сырымды уктуң, эми мени таштап кете берсең болот, - деди андан боюн ала качып.

- Венера, мен сенден эч качан баш тартпайм, анткени сени сүйөм, жан дилим менен сүйөм Венера, - деп Бактияр аны кое бербей жатты.

- Жок Бактияр, мени мазактаба, - деп бошоно албай жатканда Кутман подъездге кирип келе жаткан.

- Балдар, биерде турбай үйгө киргиле, - деп Бактиярды кошо чакырды, - Жүргүлө.

- Мен ушул жерден эле кетейин.

- Жок-жо-ок, сен эми менин уулумсуң, күйөө бала, - деп күлүп койду Кутман. Алар ээрчише киргенде Фарида дароо эле кызынын жүзүнө тигилди, ыйлаганын көрүп жүрөгү сыйрылды, сыртынан билгизбей Бактиярга жаркылдай карап жакшы тосуп алды.

- Кел, келе гой балам, тамак да даяр болуп калган, чогуу отуруп тамактаналы, отура гой.

- Рахмат, ушундай эле отурайын, - Бактияр креслого отурду.

- Венка, кел кызым, Бактиярды жалгыз койбой, атаң дагы кийинип чыгат, - Фарида Венеранын жанына бара албай эле үн катты, азыр ага баруу өтө кыйын эле, апасы барса сөзсүз киргизмек эмес. Айла жок Бактиярдан айбыга бөлмөсүнөн чыгып келип отурду.

- Мен эртең Венера экөөбүз салондорго барууну айтайын деп келдим эле, - деди Бактияр.

- Ооба, Венка экөөңөр баргыла, атасы экөөбүз тойго келчүлөрдү тактай берели, - деди Фарида шыпылдай.

- Менин баргым келбейт, - деп Венера кабак бүркөй жер карады.

- Неге? - деп Кутман менен Фарида жарыша Венераны карап калды.

- Башым ооруп жатат.

- Эч нерсе эмес, эртеңге чейин жакшы болуп каласың, азыр дары берем, - деп Фарида күлгөн болду.

- Макул мен барайын, эртең телефон чалам, - деп Бактияр ордунан турду, - Жакшы туруңуздар.

- Жакшы бар балам, Венка узатып кой балам.

- Жок, жөн эле кой Венера, сен эс ала бер, мен өзүм эле, - деди дагы Бактияр чыгып кетти.

- Кызым, мындай кылба да, болбосо башында макул болбой коюш керек эле, бүрсүгүнү тоюң болот балам, уят кылба, туугандарды тойго чакырып койдук, - деди Кутман.

- Мама, менин азыркы абалымды түшүнсөңөр го? - деп Венера ыйлап бөлмөсүнө кирип кетти.

- Мейли эми, кандай чечсе өзү билсин, - деди Фарида.

- Бактияр жаман бала эмес экен, анын көңүлү бар, менимче ал өзү сүйөт Венераны, ага дагы кыйын го?

- Эртеңге чейин көрөөрбүз, мен дары берип келейин, - Фарида туруп стаканга суу менен дары көтөрүп Венеранын бөлмөсүнө кирди, - Кызым, дары ичип алчы.

- Мама эч жерим ооруган жок, жүрөгүм ооруп жатат, баарын билип туруп мени эмнеге кыйнайсыңар, мени уятым кыйнап жатат мама, түшүнчү мени, ачык айтайын деп оозум барбайт, кандай кылам деги, өзүң айтчы мама? - Венера апасына жөлөнүп ыйлап жатты.

- Кызым, сен ачыгын айтышың керек, Бактияр сени сүйөт, түшүнөт сени, кеч боло электе айт кызым, мен аны айткан экен, бири-бирин түшүнүшүп ачык сүйлөшкөн экен деп жүрбөйүнбү, туура кызым, сен үчүн оор, айла канча жашоонун адам баласына берген оор сыноосунун бирин көрүп жатасың кызым, ошентсе дагы сен жеңилбешиң керек, - деди Фарида ойлуу кызын чачынан сылап, чекесинен өөп унчукпай тунжурап туруп калды. Венера ордуна жатып алды, Фарида ойлуу бөлмөдөн чыгып кетти.

- Уктадыбы? - деди Кутман.

- Ооба, - Фарида ушинтти, жүрөгү уйгу-туйгу болуп кызына ичи ачышып жатты, күйөөсүнө эч нерсе айтпады, айтканда не, баары белгилүү эмеспи, эне жүрөгү ошол каргашалуу күндү, кызын кордоп, жазаланбай калган жексурду каргап турду, - Эртең атамдар дагы келишет, - деди көптөн кийин.

- Ооба, атам аябай кубанды, буйруса той абдан жакшы өтүшү керек, кызымдын эсинде түбөлүк сакталып кала тургандай болот.

- Ошондой эле болсун, менимче күйөө бала дурус, кандай ойлойсуң?

- Сөз жок, Бактияр абдан жакшы жигит, кызымды сыйлап алат деп ойлойм, агасы менен апасы да жаман кишилер эмес.

- Жакшы аял экен, сүйлөгөнү орундуу, - Ошол бойдон унчугушпай калды. Эртеси эрте ойгонгон Венера жуунуп таранып, кийимин тандап кийип, жүзүнө макияж жасап даярданып жатты, анын бөлмөсүнө баш баккан апасы кубанып кетти:

- Кагылайын кызымдын бүгүн көңүлү куунак го? - Келип эки бетинен өөп жанына отурду, - Бактияр чалдыбы?

- Жок мама, эми чалат го.

- Мейли кызым, тамагыңды ичип ал, кыдырып жүрүп ачка болосуң.

- Азыр мама, бара бериңиз.

- Мына-мына, мен барып даярдай коем, - деп көңүлдүү отурган кызына кубанып ашканасына чыкты.

- Венка туруптурбу? - деп сурады Кутман.

- Турду атасы, ашыкча сүйлөбөй отур, баары жайында, - деп күйөөсүнө күлүп акырын айтты, - Даярданып жатат.

- Эң сонун, бир аз жүрөксүп жатса керек.

- Ананчы, кызым бечара азап көрүп калды, аны түшүнүү керек.

- Бактылуу болсунчу апасы, Венкамды ойлонуп канча эзилдим, көзүнө карай албай жаман болуп жүрдүм, өзүм күнөөлүүдөй болдум, эми баары өттү кетти, кудай бак берсин.

- Ошо да, кудайым багын ачсын, - Экөө сүйлөшүп турганда Венера чыга келди:

- Ата, апа мен кеттим сыртта Бактияр күтүп жатат.

- Ачка кетесиңби кызым, Бактиярды кир десеңчи, чай-пай ичип анан чыккыла, - деди шашкалактай Фарида.

- Жок апа, тез эле келип калам, - деп Венера чыгып кетти.

- Оо кудай багын ача гөр! - деп Фарида өзүнчө жакасын карманып алды, ошентип тойдун камылгасы бүтүп чакырылган коноктордун алды келе баштады, адегенде Эгемберди менен Зейнеп, Асел менен Алмандар келишти, андан кийин Фариданын төркүндөрү кошумчалары менен килем-шырдактарын алып келишти. Венера менен Бактияр алтын дүкөндөрүн, үлпөт көйнөктөрүн көрүп аябай көпкө жүрүштү, анан араң көңүлүнө жакканын алып жолдо келе жатып кафеге кирип тамактанышты:

- Ошентип эртеңден баштап бир үйдөн чыгып калат экенбиз да, - Бактияр кыздын колун кармап жылмайды.

- Мен корком.

- Эмнеден?

- Турмушка чыккандан.

- Коркпо, өзүм бармын.

- Макул, сен барда коркпойм, - деп Венера ушул учурда күлүп алды.

- Чынбы?

- Ооба, ырас айтам, - Бактияр сүйүнүп турду, анткени канча артынан жүгүрүп жүрсө дагы бир жылмайып койчу эмес.

- Анда күлүп жүрөйүн.

- Күлкүңдү гана көргүм келет Венера, жанымда сен күлүп турсаң ушунчалык бактылуу болом дейсиң, бактылуумун Венка.

- Эмне дедиң?

- Мен дагы атаңдар айткандай эркелетип айттым.

- Аа-а, мен дагы бактылуумун Бактияр.

- Чынбы, сен дагы бактылуусуңбу жаным?

- Ооба, аябай бактылуумун! - Экөө көздөрүн жалжылдата бири-бирин карап калышты, - Мен бүгүн аябай бактылуумун.

- Мен дагы, мен дагы Венка.

- Эми кетели, мени күтүп калышты го?

- Албетте, бизди баары күтүп жатышат, телефонду өчүрүп койгомун, тынчсызданып жаткандыр.

- Мен телефонду таштап коюпмун, - Экөө күлүп калышты, кол кармаша ордуларынан туруп машинага түшүштү да зымырата жолго түштү. Венера келгенде Эгемберди менен Зейнеп адегенде куттуктап өөп учурашышып сүйлөшүп отурушту, ал күнү кийимдерин кийип көрүп, Фарида экөө барып чачын жасатып келди. Эртеси эрте Бактияр үч машина, бири лимузин менен келип Венераны салып кетишти, Венерага бирге окуган курсташы Лайли курбу болуп кетти, аны Венера өзү чакырып алган, ошентип алар закска андан кийин шаар кыдырып, жаштар ойноп түш оогон ченде белгиленген саатта ресторандын алдында болушту…

Дамиранын жашоосу бир башкача болуп баратты, аны өзү билгени менен балдары байкабайт деле, иши илгерилеп, кирешеси көбөйүп, бара-бара өздөрүнө "Ооматтын" келгенин байкабай дагы баратышты. Алар бизнесинин жакшы жүрүп жатканы деп ойлошчу болгон. Дамира болсо өзү менен өзү, ал көптөн бери Алтыбай менен "Жолугуша албай" калганына кабатыр: "Эмнеге келбей калды же менден үмүт үздүбү, жок дегенде анда-мында бир көрүнүп койсо кантет", - деп таарынгандай жатып алды, эми уктамак болуп көзүн жумуп бир аз жатканда тааныш дабышты сезди: "Күттүңбү мени?", "Мен башка жакта жүрбөдүмбү, баса сенин укум-тукумуңа оомат келди, жаңы төрөлө турган чөбүрөңдүн атын Оомат койгун Дамира, ошол бойдон бала-чакаңда эч кыйналыш көрбөй оомат, кут-береке орнойт", "Ыраспы, жаш келинимдин кош бойлуу экенин уккамын, айттырып жиберейин анда". Балдар тил албай башка ат коюшпасын, ооматыңар ооп кетет, менин убактым аз калды, балдарыма дагы барып кетейин, кармангыла келген ырыскыны", - деди да көрүнбөй калды: "Каап, дагы бир аз сүйлөшсө болот эле го", - деп ойлонгон Дамира умсунуп кала берди. Эртеси таң агара сыртка чыгып эки жакка көз салып бети колун жууп анан үйгө кирди. Таңкы чайларын ичип отурушканда Таабалды:

- Апа, Тынычбектин келинчеги уул төрөптүр, - деди кубанычтуу, - Менин неберем, сенин чеберең.

- Болсун-болсун, Тынычбекке чалып бергилечи, өзүм сүйлөшөйүн.

- Эмнени апа?

- Баланын атын Оомат койсун, болбосо башкага ооп кетет, - деди шашканынан оюн жыйнай албай калган Дамира.

- Апа, ким айтып жүрөт аны?

- Түш көрдүм балам, балдарга тезинен айткыла, менин сөзүмдү алжыган сөз деп тоготпой коюшса ортоңордон ырк кетет, корооңордон мал кетет, баланын атын Оомат деп койсун айланайын.

- Макул-макул апа, андай болсо ошентиш керек, - деп Таабалды телефонун чалып карап калды, - Ало, Тынычбексиңби балам? Ооба-ооба, баланын атын башка атабай кое тургула, аты Оомат болсун, уктуңбу балам, мен эртең барып калам, ошондо түшүндүрөм.

- Балам, жакшылап түшүндүр, кокус оомат ооп кетсе укумдан-тукумга кетет жардыланып, ушуну жакшылап түшүндүр, - деди Дамира.

- Болуптур апа, - деп ойлонуп калды.

- Бизге оомат келип, кут конуптур балам, түндө гана түш көрдүм, небере келинимдин уул төрөөрүн, карманып калгыла, бир үй-бүлөөдөн үч уулсуңар, силердин атыңар дагы ыйык, Сурап-тилеп, таап алганбыз балам, кокус силер карманбай ысырап кылып, кесир кылып, аянга ишенбесеңер баарыңарга кыйын болот, - деди эне ойлуу.

- Сөзүңдү эсиме сактайм апа.

- Айланайындар, кудай кут кылсын, башыңарга баш, малыңарга мал кошулуп, жаныңар бекем болсун.

- Айтканың келсин апа, кам санаба, - деген Таабалды сыртка чыкты, ойлуу эки жакты карап басып жүрдү: "Туура айтат, адам баласына бакыт, дөөлөт ырыскы үч жолу келет имиш, кээси кармана албай калып чачыратып ийгендери канча, кийин өкүнүп калышат, Тынычбек балалык кылып келин экөө башка ат коюп койбосун, эртелеп чыгайын", - деп ойлонуп үйгө кирди.

Эртеси ал Бишкекке жөнөдү, ал кеткенден кийин эле тойго чакырган адам келип чакыруу билетин таштап кетти. Гүлназ Дамирага кирип:

- Апа, Нурчолпондун таежеси тойго чакырыптыр, эми кантебиз? - деди.

- Качан экен тоюу?

- Эртең болот экен.

- Таабалдыга чалып сүйлөш дагы артынан жет, барбасаң болбой калбайбы, Нурчолпон соксоюп жол карап калат ботом, - деди Дамира.

- Таабалдыга чалайын анда.

- Чал тезирээк, ал жолдо бараткандыр, - деп келинин шаштырып калды, Гүлназ телефон чалып сүйлөштү эле жолдон кайра келбей эле тойго алып барчусун дайындады, Гүлназ ошол эле күнү артынан жөнөдү. Дамира өзүнчө эс ала түштү: "Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, бир кезде ченебей жаш төксөм эми минтип бактыга балкып отурам, айдын он беши караңгы, он беши жарык дегени ырас тура. Мен бактылуу карымын, бакыттын даамын таттым, мен адам экенимди, тирүүлүктө жашап тукум улап, из калтырганымды сездим. Анткени мен адаммын", - деп ойлонуп терең дем алып алды…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз