Айгүл ШАРШЕН


"Ойнош"


- Эже, үшүп атам, жардам бериңизчи? - деп тиши тишине тийбей калтырап туруп калды. Суукта жанына термоско ысык чай куюп иче койчу Алийма ага чай куюп берди. Келин колдору калч-калч этип чыныны зорго кармап коомайлана отуруп ичип болду.

- Дагы куюп берейинби? - деди эле:

- Эже, үйүңүз болсо бир аз жылынып алсам болобу? - Ал көгөргөн эриндерин титиретип зорго сүйлөдү.

- Азыр… - дегенче Айдана келип калды. Тигини бир карап эле:

- Бас, кеч кирди, жыйнап кетели, - деди.

- Айдана, мен өзүм жыйнай берем, бу келинди үйгө алып барчы, үшүп калыптыр, жылынып алсын, - деди Алийма кызына карап.

- Кичинекей квартираңдын каерине алып барам, кожоюн көрсө да урушат, - деп Айдана бурк эте апасынын сөзүн жактырбады. Кызынын кыялын жакшы түшүнгөн эне:

- Тур анда, калың жемпир менен халатты, чермийди алып келип бер! - деди буйрук бере.

- Ай ушу сенин азабың, көрүнгөнгө эле боору ооруй берет, сага кимдин боору ооруйт экен, - деп басып кетти. Бир аздан кийин айткан буюмдарды көтөрүп келип тигиге берди. Ал ошол кийимдерди калчылдап атып зорго кийди да:

- Чайыңыздан дагы бир чыны бересизби? - деди тартынчыктай.

- Отур, бир эмес, мына бул нан менен ичип ал! - Алийма чай куюп бир сындырымдан чоң нанды кошо берди. Бурдап калчылдап атып келин нанды чай менен ичип алып анан "рахмат" деп коюп басып кетти. Анын артынан карап туруп: "кайда барат, бул кебетеси менен ушул суукта тоңуп өлбөсө болду" деп ойлоп жүрөгү ооруп кейип коюп товарын жыйып батирине жөнөдү. Келсе эки жашар небереси "апа, апа" деп тосуп алып суукта үшүп келгени эсинен да чыгып кетти.

- Апа, апа… - деп этегине жармашкан небереси Жайнаны алдына алып отуруп, аймалап өөп мээрмин төгүп күбүрөнүп атты:


- Садагам, мени сагындыңбы, Жайна?

- Апа, - Эки жашар небере сүйлөй элек, ападан башкага тили келбей кужулдай берди. Андан кийин Айдана бышкан тамагын ортого коюп тамактанышты. Бүткөн бою жылып, карды койгон Алийма машинасын жылдырып төшөгүнө киришти. Күндө көнүмүш адат, түнкү эки-үчкө чейин отуруп анан ордуна жатты.

Айылдан келип шаардык турмуштун ыгына көнө түшүшкөн эле, кээде концертке барып да келишет. Кайрадан суукка-ысыкка карабай кичинекей столунун жанында кечке отуруп алып күндүк оокатын таап батирдин акысын төлөп, кийинип-ичинип дегендей жашап жүрүшкөн. Бир күнү алардын жанына көк алмурут ящиги менен бир өзү курдуу аял келип отуруп калды. Бири-бирин көздөрү менен карашып коюп кечке сүйлөшкөн деле жок. Кечке маал ал өзү басып келди.

- Кандай курдаш?

- Жакшы.

- Сен ушул арада турасыңбы?

- Ооба, эмне алмаң өтпөй атабы?

- Ийи, жерге кирсин көгүндө эле үзүп баса берсем өтпөй атат, эки күндөн бери Гуля деген аялдын үйүнө банянын парына коюп атам.

- Эмнеге? - Алийма таң кала сурап койду.

- Ой, алманы парга койсо кызарып жакшынакай болуп калат экен. Азыраагын квартирам менен тамагыма чыгып калсын десем өтпөй атат, эки кил зорго саттым.

- Жаман болгон тура, өзүң ошол жерде турасыңбы?

- Жо-ок, квартира жалдаганга кайдан, күндө он сом төлөп эптеп жатып атам.

Эки келин ошентип таанышып калды. Анын аты Тумар экен. Эки-үч күн ошентип маектешип жүрүштү. Алийманын бир мүнөзү - өтө боорукерлиги. Ал жолдо жүргөн жап жаш келиндердин бомж болуп калганына кейип жүрөгүн оорута берчү. Кокус мас болуп жатып калган жаш жигиттер болсо өйдө тургузуп, кээсин батирине ээрчитип барып, кээсине ошол жерден жүз грамм куюп берип, акыл-насаатын айтып жөнөтүп койчу. Күн суук болуп, кыш күчүндө эле, он-он бештердеги бир кыз жанына келип:

- Апа, менин ата-энем жок, мага апа болуңузчу? - деди капысынан эле таңгалдыра.

- Буга чейин кайда жүрдүң эле? - Алийма кыздын баш аягына көз жиберип туруп сурады. Кыздын кийими жупуну, пирожки саткандай этек тагынып алган.

- Апа, пирожки сатчумун, карыз болуп калсам кетирип жиберди, жата турган жерим да жок, - деп ыйламсырады.

- Кантип ишенем сага, мен өзүм дагы кичинекей батирде турам, сен кичинекей кызды карап отура бересиңби?

- Ооба апаке, эч жакка чыкпай карайм! - деп Алийманы биринчи көрүп атса да кучактап өөп алды.

- Болуптур, - деди Алийма боор ооруй, - Азыр кызым келет, кошулуп кет! - деп соодасын жасап отуруп калды. Көз жүгүртсө кыз калтырап үшүп тургандай. Адатынча жанында турган термосун алып чай куюп өзү жеп жаткан нандан сунду, - Ме муну чай менен ичип ал, атың ким?

- Мээрим.

- Жакшы экен, - дегиче товарга кеткен Айдана келип калды. Товарын коюп жаткан кызына карады, - Бу кыз биздин жерден болот экен, үйгө алып бар, Жайнаны карап туруп турсун.

- Ий, ушул сеники өттү! - деди Айдана, - Мынча болду базарда жүргөн бомждорду чогултуп алып бак!

- Ээ балам үйүм болгондо… - Алийма ойлуу унчукту.

- Аны кылмаксың, үйүң болбогонуна кудайга шүгүр, - кызы жактырбай Мээримди ээрчитип кетти. Кичинекей Жайнаны карап турганга ал деле макул болду. Экөө тең базарга чыгып кеткенде аны батирге бирге жашаган коңшулардын балдарына кошуп атып тажап калышкан эле. Кийин Мээримдин ой келди сүйлөгөнүн байкап калышты. Арадан бир ай өткөндө Айдананын бир сыйра кийими менен үйдө турчу буюмдарына кошуп жүз сомун уурдап куйругун түйдү. Айдана апасын урушуп кала берди.

Күндөр өтүп Тумар экөө жакшы мамиледе болуп калышканда ал бир күнү сыр кылып:

- Күйөөм өлгүдөй кызыл камчы эле, тажап кетип калгам. - деди ал кайгыра, - Инимдин алмурутун алып ушуну иштейин десем күнүгө баняга төлөй берип бүтө турган болду. Же батир жалдай албай атам.

- Кыйналсаң менин батириме жашап тур, алмаларың өткөндө төлөй турган батир таап аласың.

- Ийи жакшы болбодубу, эптеп жашап турайын, - деп кудуңдап сүйүнүп калды.

Ошондон баштап Тумар кожоюндан жашырынып, Алийма менен чогуу жашап калды. Күндө өз арабасын кылдыратып кечинде келип калган бул аялды кожоюн Алимага айтты бир күнү:

- Тигил аял эмне бул жерде жүрөт, жашаса төлөсүн.

- Эже, ал менин кудагыйым эле, бир аздан кийин кетет, - деп Кожоюн аялга түшүндүрдү. Кожоюн аялдын эки чоң баласы бар. Күндө кечкисин текшерип турчу. Аларга дагы ошентип айтты. Күндө келет, бирок бир нан да көтөрүп келбейт. Жашаганына бир топ болсо да ал колунан тыйын чыгаргысы жок. Ага деле кайыл Алийма, аны Айдана күндө айтат.

- Көрүнгөнгө бооруң ооруп жакшылык кыласың, - деп койду Алийма. Күндө суукка карабай таңдан кечке столдо отуруп кечкисин казанын боркулдата кайнатып ысык шорпо ичишет. Күндө кудайга шүгүр соода болуп турат. Жолдогу алманы оптом саткан машиналарга кыдырып кетип, кезип саткан орто жаштагы очкарик адамдан гезит чыкканда эки-үч гезитти алып калып эртеси акчасын берет. Кыскасы жаңылыктардан куру эмес. Чогуу жашагандарына он беш күндөй болуп калганда Тумар кечигип жатты. Эгер дарбазасын кожоюндар жаап койсо аны сөзсүз Алийма ачтырыш керек эле, ошону үчүн улам жолду карап кайра кирип атты. Бирок дайын-дареги жок. Эми чай тамагын ичип жаталы деп жатканда кожоюн бала келип:

- Сиздин кудагыйыңыз турат сыртта, эгер дагы ушинтип мас болуп келсе экинчи киргизбейм! - деди да ары басып кетти.

- Опей, эмеле карап келбедим беле? - Алийма сыртка шаша чыкты. Анткени бул кезге чейин Тумар деле ичип келген эмес: "адашып калган го, башка бирөө болсо керек" деп дарбазадан чыга берип таң калып калды. Анткени жаңы курбусу чөккөн төөнүн өркөчүнө конгон төөчүгө окшоп, экиден төрт ящик эки жагына коюп алып ортосунда отурган экен.

- Ой сага эмне болду ыя, бас үйгө кир, кожоюн урушуп атат, - деп ордунан колтуктай тургузуп, жөлөп таяп бөлмөсүнө киргизди. Төшөктүн этегине отуруп алып:

- Ай, Алийма, кеч-чирип койчу ээ, тааныштар жолугуп калып ичирип койду, - деп зорго сүйлөп жатып уктап калды. Эртеси сөз козголбоду. Көнүмүш оокаттарын жасап ар кимиси ар жакка жөнөйт. Үч-төрт күн өткөндөн кийин Тумар Алиймага:

- Алийма, жигит таппайсыңбы ыя, ушинтип жүрө беребизби? - деди күлө.

- Ийи койсоңчу, чириген алмадай болуп көңдөйлөнүп, оозубуздагы тиштерибиз шалдырай баштаганда экөөбүзгө кайсы жигит? - Алийма кайдыгер унчукту. Жашоонун өйдө ылдыйын көрүп, башынан эркектер менен көңүл ачканга шыгы жок Алийма Тумарды жактыра бербеди. Ошондо алардын сөзүн уккан Айдана:

- Гезит саткан кишини тааныштырып койбойсуңбу апа, ошол киши Тумар эжеге пар келет го? - деп оозуна сала бергендей айтты.

- Ии-ий чын эле, ошол киши эртең келсе айтайын, - Алийма кайра күлүп калды. Жашоосуна бурулуш дал ошол очкарик адам аркылуу болоорун ошондо ал сезбеди.

- Тапчы ай, өлүп кетсин, ансыз да жаш өтүп баратат, - деп Тумар өткөн өмүрүнө өкүнгөндөй айтты.

Арадан үч күн өттү, баягы эле күнүмдүк тиричиликтин көйгөйү менен алпурушкан убакыт өтүп жатты. Алийма алган гезитинин акчасына келаткан гезит саткан очкарик адамдын келе жатканын көрүп сөзүн даярдап калды.

- Саламатсыңар, биз келдик, - деп келип туруп калган адам менен мурда кийин гезит алып, акчасын бергенден башка сөзгө өтпөсө да ушул азыр ага тамашалай кетти:

- Ой байке, сизди бир келин менен тааныштырып койбоюнбу?

- Андай болсо канакей, кайда экен ал келин? - ал да тамашаны түшүнгөндөй күлө сурады.

- Менин курбум болот, эгер эртең келем десеңиз убакыт болжоп коюңуз, мен чакырып койойун.

- Макул, мен эртең саат үчтөргө ушул жерде болом.

- Сүйлөштүк анда, - ошентип ал гезитчи жумушун бүткөрүүгө өз жолуна түштү. Кечинде Алийма Тумарга айты эле, саат үчтө анын жанында болмок болуп эртеси ишине кетти. Эртеси болжогон убакытта ал адам Алийманын жанында күтүп турду эле Тумар келип калды. Экөөнү көздөштүрүп койгон Алийма ордуна отуруп соода кылып жатты. Бир аздан кийин Тумар кайра келди.

- Ай, эртең мени бир жерге чакырды, экөөбүз бирге баралычы? - деди.

- Эми сен кыз белең, өзүң эле бар, - Алийма ага баргысы келбегенин айтты эле, ал болбой эле асыла берди. Ал күнү унчукпай калышты. Эртеси кечке маал Сүйүнбек келиптир болжогон маалда. Тумар экөө болбой атып Алийманы ээрчитип алышты:

- Бизди дагы бир жигит күтүп атат, сен болбосоң ага мен уят болом да, - деп Сүйүнбек күлүп койду.

Ошентип үчөө ээрчишип маршруткага түшүп жөнөштү. Көк-Жарга бат эле жетип келишти. Келсе аларды узун бойлуу адам күтүп отуруптур. Үйгө кирип таанышып, бойдокторго ылайык чакан гана чай иччү столго отурушту. Эптеп жасап жаткан суу шорпо менен бир бөтөлкө ортого коюлуп адегенде таанышкандыгы үчүн деп тост көтөрүлдү. Бир аздан кийин алар эски тааныштардай бабырап отурушту.

- Кана кыздар, бирден ырдап койбойсуңарбы? - деди беркиси аларга карап.

- Ырас эле, кана Тумар, курбуң экөөң ырдагыла, - Сүйүнбек Тумарды карай ыктап калды, ушул жерде бул экөөнүн жылдызы келишип калгандай эле болду. Ал эми Кадырбек менен Алийма анча бири-бирине коошпой турду. Бир бөтөлкө аракты ичип бүткөндөн кийин Тумар Алиймага шыбырады. Экөө аз шыбырашып туруп ортодон акча чыгарып жигиттердин бирин камокко жиберишти.

- Силердикин ичип алып унчукпай койсок болбой калбайбы? - Тумар созула, үнүн жасап чыгарып сүзүлүп койду. Ан сайын Сүйүнбек аны жал-жал карап болбой калды. Ошентип түн бакырдыкы деп түн бир оокумдан кийин гана уктоого бөлүнмөй болушту. Тумар менен Сүйүнбек бөлмөнүн төр жагындагы бир сервантпы же бир белгисиз тосмонун ары жагына кирип кетишти. Алийма отурган жеринде көпкө отурду. Кадырбек аны эптеп көндүрүп өз бөлмөсүнө алып кирди. Ошондо гана анын мамилесинен улам ал өзүн чындап эркек аттуунун өзүнө керек экенин сезди, өзүнүн дагы бирөөгө керек экенин туйду. Көрсө адам болгондо да тирүү жан, бирөөнүн жандүйнөсүнө кубаныч тартуулай ала турган адам экен. Түйшүк деп, күндө керээлден кечке соода кылып жайкысын ысыктын чаңкатып, мээ кайнаткан учурунда, кышында сөөктү какшаткан суукта отуруп бала-чакасын багам деп жүрүп баарын унутканы калган экен. Сезими ойгонуп, ошол кезде эргип бөтөн, чоочун эркектин коңур жытын искеп түнү бою кучагында жатып эртең менен эрте турушуп үйлөрүнө жөнөдү. Аял түлкү, аял митаам десе өзүнүн митаамдыгы жогунан улам төгүнгө чыгара турган оюнда: "Кантип эле бала төрөп, өстүрүп чоңойткон аял митайым болсун?! Эне да ал деле, мээримдүүлүк, кең пейилдик аялдардын эң биринчи сапаты го?" деп ойлоочу. Бирок азыр жанында келаткан өзүндөй эле аялдын сүйлөгөн сөздөрүнөн негедир жийиркенип алды:

- Ай Алийма, Сүйүнбек укмуш адам экен, түнү менен сүйлөшүп эле жаттык, эч бир кол салган жок, абдан маданияттуу экен.

- Ийи, - деп койду Алийма суз гана, ал ага ишенбеди: "кантип эле, эркек болот да, тим жатмак беле?" деп ойлонуп маршруткага баргыча үн деген жок.

- Негедир бир көргөндө сүйүп калдым окшойт, бүгүн дагы келебиз ээ? - деди Алиймага карап.

- Келсең өзүң кел, мен келе албайм, тааныштыңбы эми өзүң билесиң.

Антип-минткенче чоң жолго келишип, маршруткага түшүштү. Ош базарына жетип түшүшкөндө ар кимиси өз-өз иштерине карай бөлүнүп кетишти. Бирок кечинде кайрадан эле Тумар:

- Жүрчү эми, эчтеке болбойсуң, жалгыз баргандан уялып атам, чогуу эле барып келели, - деп асылганын койбоду. Акыры аргасыз макул болгон Алийма экөө жолго чыкты. Ал үндөбөй эле түнкү "ачык асман" рестораны деп аталган Бейшеналиева көчөсүндөгү базарга келип тамак аш алганда:

- Эмне кыласың? - деди түшүнө бербей Алийма.

- Ой, өзүбүз деле жейбиз да ботом, бойдоктордун жашоосун көрбөдүкпү, тамак-аштан деле тартыш турушат экен.

- Кызык, алдуу-күчтүү эркектер экен, иштеп тапса болот да, биз аларга көтөрүнүп барсак эмне деп ойлойт? - Жактыра бербеген Алийма каршы болду эле, Тумар болбой эле өзүндө болсо да андан сурады:

- Ай, сен албасаң мага карызга бер, мен эртең сага берем! - деп өктөм унчуккан Тумар анын ой боюна койбой жүз элүү сом алды.

- Эртең бересиң, мен алар үчүн көтөрүп бара турган алым жок! - деген Алийма чөнтөгүнөн акча чыгарып берди. Тумар биртоп оокат аш алып аялдамага келгиче кеч болуп кетти. Эптеп маршруткага илээшип келип калышты. Ошентип бул күнү да чакан отуруш болду. Эки-экиден бөлмөлөргө бөлүнүштү. Мына аялдар деген ушул да. Эркекти бир көргөндөн кийин өзү чуркап турса анан кантип эркектер бааланбасын? Ошонун ичинде Алийма да көп аялдын бири катары бул агымга кошулуп кетти. Анысын өзү деле байкабай калды. Алар чогулган жерде шарактаган отуруш башталчу болду. Көп өтпөй эле Тумар:

- Мен Сүйүнбекти сүйүп калдым, абдан жакшы адам экен, экөөбүз үйлөнөбүз, - деп калды.

- Чын элеби? - Алийма таң кала сурап койду.

- Ооба, үйлөнөбүз!

- Куттуктайм, эмгегим текке кетпептир да анда?

- Туура, рахмат сага! Сен болбосоң мындай жакшы адамга жолукпай өтмөк экемин… - Тумардын тим эле тамшанып сүйлөп жатканы аны кызыктырды.

- Үй-жайы бар бекен?

- Үйү болсо ошол Кадырбектин үйүндө жашамак беле?

- Анан үйлөнсөңөр квартирага чыгасыңарбы?

- Ошентебиз го?

- Ырас болуптур! - Чын дилинен калоосун айтты Алийма, - бактылуу болгула!

- Айтканың келсин.

Экөө ээрчишип бирге басып, бирге ойноп тээ өткөн жаштыктарын кайрып алгандай эле шарактап калышты. Аңгыча Жаңыжыл келди. Бул кезде алар кадимкидей эле бири-бирине таяна башташкан. Алийма менен Кадыр чектен чыкпады. Чогуу отурушканда Алийма кеп баштап:

- Силердин никеңерди качан кыйдырабыз, той жасаш керек? - деп тамашалады күлө сүйлөп.

- Опей үйлөнүп албадыкпы, эмгиче билбейсиңерби? Андан көрө силер эмне үйлөнөсүңөрбү же? - Тумар Алийма менен Кадырбекти карады.

- Биз ойношпуз, ойнош бойдон калабыз! - деди Алийма озуна.

- Туура, биз ойношпуз, - Кадырбек аны коштоп койду.

- Бирден ырдайбыз, келгиле, - деп шарактады Тумар. Анын эркектердин жанында негедир көзүн сүзүп, назданып калганын байкады Алийма. Тумар ошол жерде жашап калган. Кыскасы Сүйүнбек экөө эрди-катын катары жашап жатышты. Сөз арасында Алийма менен Кадырбек тамашалап калат.

- Ой, силер эрди-катынбыз дегениңер менен нике жок жашаганыңар ойноштон айрымасы жок, мына биз катары элесиңер да? - Алийма каткыра күлүп анын безине тийе сүйлөдү.

- Койчу ай, биз ойнош эмеспиз, силер өзүңөр ойношпуз дегенсиңер, - деп Тумар тыбырчылап ийди.

- Чын эле, силер ойношпуз дегенсиңер, биз семьябыз эй! - деп Сүйүнбек да борс-борс этип күлүп калды.

- Ой Сүйүнбек, кызыксыңар өзү, нике кыйдырып анан толук кандуу үйбүлө болсоңор ошондо кудайга да жакчу иш кыласыңар, азыр биздей эле ойношсуңар, болгону өзүңөрдү үйбүлөбүз деп эсептеп атпайсыңарбы? - Кадырбек ого бетер тийишти, - Азыр силерди сожителдер деп коёт, азыркынын ойнош деген сөзүн бурмалап коюшкан.

- Туурасы да, мечитке барып нике кыйдырып койсоңор, анан ошондо эрди-катын болосуңар!

- Болуптур, - деп Сүйүнбек да аны уккусу келбей стол үстүндөгү аракты алып куюп кирди, - Келгиле, болбогонду талашкыча мына будан ичели, - деди стаканды көтөрүп.

Ошентип тамаша чыны аралаш азилдешип отуруп эки-үч бөтөлкөнү кулатып коюшту. Баары кызуу. Бир кезде Кадырбек сунуш киргизди.

- Жүргүлө, тиги Ош базарындагы сонун кинону көрүп келебиз.

- Чын эле ай, мен индийский кинону көп көрөм, көптөн бери көрбөй калдым эле, бир барып көрүп келели, - Алийма кубана ордунан турду.

- Кайдагы индийский кинону айтасың? - Сүйүнбек борсулдап күлүп калды, - башкача кино бар, ошону айтып атабыз.

- Башкачабы, баары бир, жүргүлө кеттик, - деп үйдөн чыга жөнөштү. Алар Ош базарынын Сейтек кино койчу жерине келгенде Кадырбек экинчи кабатка көтөрүлдү.

- Ой алжакта эмне бар, жүрү бул жактагы эле киного киребиз, - Алийма өзү кирип көрүп жүрчү индийский кино койгон тарабына кирип кетти. Кадырбек кайра түшүп аны колтуктай алып чыгып кетти.

Кудай бетин салбасын, кире бергенде эле жаштар казганактап көрүп аткан кинону босогодон көргөндө эле артына бурулду. Көрсө жаман кинолордон тура. Сүйүнбек менен Тумар да кирип эле кайра чыгышты. Ал жерден кайра Алийманын батирине келишти. Айдана аларды көргөндө эле жаман көрүп чыгып кетти. Алийма кызынын сырын билгендиктен унчукпады. Бир бөтөлкө самогон менен куурдак жеп алып кайра төртөө Көк-Жарды көздөй жөнөштү. Алийма соода кылып акча топтогонду унутуп эле тигилердин компаниясынан чыкпай калды. Ушул кезде кандай жолго түшүп баратканын өзү да сезбеди. Тобо, адам баласы бир паста ичкиликти тартынбай ичип, айланадагылардын эмне деп атканы менен иши да болбой калат тура. Айдана байкуш тырмактай кызы менен соода кылып батирин төлөп оокатын өткөрүп жатканын билбей келип алып кетет. Арагын арактай, акчасын акчалай, самогонун бөтөлкөлөп кээде лиртлеп алып кетчү болду. Ошентип кыш өтүп, майрамды майрамдай шаани менен өткөргөн шаттуу күндөр өтүп жатты. Ошол арада Тумар ооруп үйдө калып жүрдү. Ошондо бир күнү Кадырбек да үйүндө өз бөлмөсүндө жумушка чыкпай калыптыр. Керээлден кечке базарда гезит сатып Сүйүнбек кеч үйүнө келсе Кадырбек менен Тумар чай ичип отурган экен. Сүйүнбек кечигип келген махабаты, жүрөгү каалап, өмүрлүк жарым деп жүргөн Тумарды кызганып кетет ичинде. Бирок сыртына чыгарбай, алардын катарына отуруп чай ичип калат. Ошол убакта Алийма келип кайрадан шаңдуу отуруш башталат. Түнү менен ичип мас болгон компания таң ата дагы комоктон арак карыз алып кайра башташат. Ал күнү жумуш төртөөнө тең токтоп шаттуу убакыт өткөрүүгө арнамак болушту ал күнүн. Кечке ичип качан эч нерсеге алы келбей калганда эки-экиден бөлүнүп, жашоодогу жуп болуп өмүрдүн кызык ырахатын таттырчу сезимдерге өздөрүнүн сүңгүп кеткенин сезбей да калышат. Үч күн, үч түн айланасына карыз болуп ичип жеген эргулдар эми наны жок калышат. Ошентип, Алийма адегенде балдарынан кабар алып, анан тамак-аш алып келүүгө үйүнө жөнөйт. Андан кийин Сүйүнбек менен Тумар урушуп киришет. Алардын урушуна катышпай Кадырбек өз бөлмөсүнө кирип кетет. Ошондо алардын сөздөрү ага угулуп турат.

- Эй энеңди, ооруп атам деп Кадырбек экөөң сүйлөшүп калып калгансың го?

- Ой койчу башымды оорутпай, ал өз бөлмөсүндө, мен болсо жаным кыйналып бул жакта жаттым. Сенин алдыңда эле ал өзү чай кайнатып ичип атканынан мен туруп келгем.

- Жаныңды жебечи, экөөң соо эмесиңер?!

- Анда сен Алийма менен соо эмес окшойсуң, менден мурун эмне кылып жүргөнүңөрдү мен кантип билмек элем?

- Эмне-е?! - Сүйүнбек сөз таба албай ойдо жок сөздү айткан Тумарды карап элээ туруп калды, - Сен эмне, ушинтип айтсам эле билинбей калат деп ойлоп атасыңбы? Алийманы болсо жайына кой, мен аны сыртынан гана таанычумун, гезит сатсам миңдеген адамдарды тааныйм, актанбачы!

- Ийи, кандай болот экен, калпты айтып атсаң жиним келет да, башканы өзүңдөй көр да? - Тумар өзүнүн сөзү Сүйүнбекти өчүргөнүн туя үстөмдүк кыла баштады, - Ооруп жаткан кишини күнөөлөйт ой тобо, анда квартира тап, өзүбүзчө чыгып кетели.

- Акча топтош керек, экөөбүздү бекер киргизип коймок беле? - Сүйүнбек жели чыгып отуруп калат. Чынында ичинен арам ойлонуп атты, атаңдын гөр-үү, ошондо чындыгын билсе Сүйүнбек куйругун түйө ушундан көрө катыны жок так өтөйүн деп кете берет беле, бирок бул сыр экөөнүн гана ичинде калды.

Кадырбек өзү чынында абдан жүгүрүк эле, Тумардын эркектерди өзүнө тарткан кылыктуу назы аны кайдыгер калтырган жок. Экөө саал эле ээн боло калганда бир күнү үйдө калууну макулдашкан: "балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" деген сөздүн калети жок белем, экөө ошентип ушул күнү өздөрү ойлогондон да көбүрөөк убакытка ойдогудай бири-бирин бакытка бөлөп ырахат тартуулап, махабаттын туу чокусуна нечен жолу чыккандарын төрт дубал менен экөөнөн башка эч ким билбей калды. "Ууру тойгуча жеп, өлгөнчө карганат" дегендей аялдын амалынын кырк эшекке жүк болгону белгилүү го, Тумар ошонун бир эшенинин жүгүн Сүйүнбектин жонуна артып койгондо, ал шалдая отуруп калды. Ошол бойдон экөө көпкө чейин күңкүлдөшүп атып Алийма келгенде тынчып калышты. Эч нерсе оюнда жок, Алийма Сүйүнбекти байкелеп калчу, сүйлөгөндө деле аны байке деп анан кайрылчу.

- Оой байке, сиз бүгүн жумушка чыккан жоксузбу? - Алийма күлө карап сурап койду.

- Ооба, эс алыш керек да? - деп күлүп койду ал дагы.

- Анда медовой месец өтүп жаткан го силердин өмүрүңөрдө, - тамашалай күлүп Кадырбектин бөлмөсүнө башбакты. Аны көргөн ал: "чүш" деп сөөмөйү менен оозун басып койду. Унчукпай отургучка отуруп калды эле үнүн акырын чыгарып мындай деп кеп баштады.

- Алар урушуп отурушат, тим кой канчага чыдашаар экен? - деди көзүн кыса.

- Эмнеге урушат, али жашоолорун баштабай атып?

- Кайдан билем? - Кадырбек бир аз отурду да, анан: - Тумар бүгүн үйдө калбады беле, мен эрте эле келип бул жерге жатып алгам. Анан эле бир кезде бакырып атат, туруп жетип барсам мени карап: "эмне карайсың?" дейт наздана. Унчукпай бөлмөмө баса бергем. Анан эле кайра дагы өкүргөн үнү чыкты. Дагы барсам:

- Кадырбек, сен экөөбүз бирге болбойлубу, жок дегенде экөөбүз бир жолу бололучу?! - деп жалбарып жатпайбы.

- Кызык, Сүйүнбек келип калсачы, ойнош болсоңор да эчтеке эмес, ал байкуш катындан көзү катып зорго жетсе?

- Аларга билгизбейбиз.

- Алийманы кошпо, биз ойношпуз, силердики башка да?

- Болбойсуңбу эми? - деп Тумар аны өзүнө чакырат.

- Кой, мен дос деп жүрсөм, анан ага кара санаганым болбойт, - деп Кадырбек өз бөлмөсүнө кирип кетет.

Кадырбек ушуларды айтты. Алийма үн дебеди. Экөө көпкө отурган соң тигилер жаткан бөлмөдөн казан-табактын калдыраганы угулат.

- Эмне болуп атат? - Алийма ордунан туруп тиги бөлмөгө жөнөгөндө Кадырбек аны токтотту.

- Тим кой, отур! - Кайра отурду Алийма, алар жаңы гана кроватка жанаша отурганда Сүйүнбек баш бакты.

- Келгиле тамактаналы, Тумар жасап коюптур.

- Азыр, - деген экөө бөлмөгө киришип орун алышты. Дароо эле Тумар:

- Тамакты болсо жасадым, эми муну кантип жалаң эле жеп алабыз, бир нерсе кыла койбойсуңарбы, балдар! - деп экөөнү карады.

- Сөз жок да, - деген экөө сыртка чыгышты. Сыягы экөөлөп чөнтөктөрүнүн абалын билип биригип алып келмек болушту окшойт.

Көп өтпөй Сүйүнбек кайра кирди. Бир аздан кийин Кадырбек бир бөтөлкө көтөрүп келип калды. Кайрадан отуруш. Мындайда ар убак Тумар:

- Түшүнчү жаным, түйшүккө салбай.

А бирок кийин өкүнүп калба! - деген ырдын кайырмасын ырдап келип сүзүлө Сүйүнбекке сөөмөйүн кезей назданып калчу. Ошонусун карматып дагы ошентти да, анын төшүнө жөлөнүп калды. Алиймалар кол чаап калышты. Ичкенде, ичпегенде деле ырды жакшы көргөн Алийма баштады андан кийин созолонуп. Анын үнү бийик. Эркектери ыр билбейт. Экөөнү ырдатып коюп экөө улам стакан толтуруп куюп шыкаганга маш. Күндөр кубалашып оюн-күлкү менен өтүп атты. Бир топ жашка барып калышса да алды-артын карабай ичип алып жолго чыгып жетелешип ырдап жүргөн күндөр көп эле болду.

Ошондой күндөрдүн биринде Алийма столдо отурган эле. Дагы кыштын алгачкы айы ноябрь айынын жыйырма бири болчу. Жука курткачан, колунда ороодогу көтөргөн баласы бар келин келип калды жанына.

- Эже, бир-эки күн жылуурак жер болсо туруп турат элем, анан шаардагы эжемдердин дарегин билип алсам кетип калат элем, - деди дем албай сүйлөгөн келин.

- Эки-үч күндө табаарыңды кайдан билесиң? - Алийма аны сынай карады.

- Тааныштардан сурайт элем, азыр бала менен карай албай келдим…

- Сен издегенде сенин балаңды карай турган киши жок, баары бир таппайсың да?

- Табам эже, тааныштарыңыз болсо үч эле күнгө дайындап койсоңуз.

- Таанышым болгудай бул жер менин өз айылым эмес да. Өзүм батирде турам.

- Эже, жылуу эле болсо туруп турайын, тез эле кетем.

- Мм, - Алийма ойлонуп: "кызык, ушундай адашкан, жолдо калагандын баары эле мага келе берет, буларды кудайым жөнөтүп жатабы же?" деп бир азга келинди карап отуруп калды. Анын сырткы көрүнүшүнө караса дегеле жан адамга жамандык кылаар түрү жок, кой оозунан түшө калгандай момун көрүндү: "Ээ жаш баласы да бар экен, үйгө жиберейин" деген ойдо жашаган батирин көрсөтүп берди. Бир топтон кийин Айдана келди:

- Ош базардагыларды бүт чогултуп келбейинби, бир бөлмө жалдап бересиң, - деп тигинден эле сүйлөп келатты. Бир балалуу болуп калса да эрке өскөн неме баш аягын карабай сүйлөп, жаман көрөт деп ойлоп койчу эмес.

- Болду эми балам, мусаапырчылык кимдин башына түшпөгөн, сен менин барыман жүрөсүң да?

- Ооба! - деп коюп базарга кечки оокатка бирдеме алып келүүгө жөнөдү. Келиндин аты Кызжибек экен. Эки күндүк наристесин көтөрүп кайдан, неге келгенин ачык айтпады, жөн гана: "кайненеме жакпай калып качып чыктым" деп кыска жооп берди. Ошентип Кызжибек кичинекей бөлмөдө Алиймалар менен чогуу жашап калды. Адамдык сыпат дегенди ушундан түшүнсө болот. Кечке кызын карап жылуу бөлмөдө Жайнаны жанына алып отурган менен бир жолу жашаган үйүнө ийилип бир жакшылык кылбай койду. Кеч күүгүмгө чейин отуруп суукта калчылдап сырттан кирген эне менен кызы жок дегенде үйдө ууртам суу жок экенин көргөндө ичтеринен тынып калат. Болбосо катар квартиралардын тең ортосунда шарылдап кран агат. Беш-алты кадам басса жетет эле го. Аны да тултуктап Айдана:

- Тиги тун кызыңды бир ооз айтып койбойсуңбу, атасынын төрүндө жаткансып бизге эмне кылып коюптур? - деп жинденет ал туалетке чыгып кеткенде.

- Тим болчу эми, кетет бир күнү.

- Ооба, качан кетет, сенин сырыңды билип алса жүрө берет эми, - эне бала күңкүлдөшүп тим болду. Ошол күнү Кадырбек атайы келип Алийманы алып кетти. Сүйүнбектер менен таарынышып кетип алар батирге чыгып кеткенден бери барбай калган. Тумар экөөнүн таарынычын түшүндүрүп отурду ал. Алийма эки "полёт фильтр" менен кошо бир литр самогон ала келген эле.

- Тумар мени менен болбойсуң деп мени ушунча азгырды, балакет болуп Сүйүнбек экөөбүз жаман көрүнүшпөйлү деп батирге чыккыла дедим.

- Кызык, эмне себептен антет?

- Ага мен жагып калыптырмын, биринчи түнү эле мени тандабайт белең дегеничи. Сүйүнбекти эмес, мени жакшы көрөт экен.

- Аа-аа, - деп койду баарын түшүнгөндөй Алийма, - түшүнүктүү.

- Ой ал мени эмес, үйүмдү эле сүйдү болуш керек?

- Ким билет, - Андан ары Алийма сөздү уккусу келбеди, ким билет, чынбы же төгүнбү? Адам баласынын ичине кирип чыкпаган соң ичиндегисин кайдан билмек эле. Жашоонун ой-чуңкуру көп, табышмактуу дүйнөдө Алиймага баары бир болчу: "Мен эмнеге муну корумак элем, кандай жүрсө өзү билет да, кокус танда деп турмуш курууга кол сунган күндө да ал макул болмок эмес" ушуларды ойлоп жатып уктап да кетти. Эртеси үйүнө келген Алийма коңшу кыздын Кызжибектин кызын көтөрүп жүргөнүн көрүп: "бирдеме кылып атса керек" деп ойлоп үйгө кирсе ал жок. Кайра чыгып сураса бир жакка кеткен экен: "Эжесин издеп кеткен го" деп ойлоду. Аңгыча Кызжибек келип калды. Ушул эки айдын ичинде бир ич кийим, сырт кийимин которунбай ошол бойдон жатып турат.

- Кызжибек, капырай келгениңден бери бир кийим менен жүдөдүң го, Айдананын кийимин которуп алып жууп алсаң боло? - деди Алийма.

- Уялып атам, эже, - деди ал, - Айдана бербей койсочу?

- Кечинде келсе мен айтайын, - Алийма ага боору ооруду, - Эжеңден кабар барбы?

- Жок… - деп улутунуп койду. Кызы түнү менен какылдап ыйласа сүт алып беришет, печенье алып беришет. Адам баласынан кайтпаса кудайдан кайтат деген чын. Өздөрү зорго жашап жүрүп дагы эки ашыкча жүктү илип алганы аны кээде ойлонткон менен: "анан кайда барат, эжеси бары жалган го, болбосо үч күнгө деп келди эле, үч күнү эки ай болду" деп үндөбөй тим болот. Ошол ортодо бир күнү Сүйүнбек менен Тумар столго келип Алийманы батирине шашылыш конокко чакырышты.

- Товарыңды жый, көтөрүшүп коёлу, биз менен эле бар, жеткирип коёбуз, - деп асылып атып алып кетишти. Өздөрү өтө кызуу экен. Жаш гвардия көчөсү менен Жибек жолундагы кичинекей эки адам зорго сыйган бөлмөгө бат эле жетишти. Келишсе кичине кастрюлда бирдеме кайнап жаткан экен. Көрсө Алийманы сыйлай турган тамагын асып коюп анан барышкан тура. Койдун ич этин бышырбай алып чыгууга аргасыз болушту. Анткени бул бөлмөдө үч кишинин түнөп чыгуусу кыйын экен. Кетем деп туруп алды. Түн болсо бир топ болуп калган. Кыштын кечи эрте эле кирет эмеспи.

- Ай Тумар, ушул жерге үчөөбүз батпайбыз, кеткениме да кеч болуп баратат, маршрутка токтоп калса кете албай калам.

- Ай эмнеге шашасың ыя, байкең үчөөбүз кучакташып жатып алабыз, - деди Тумар мастыкка салып. Ошондогу Тумардын мас болгону Алийманы таң калтырды, плитанын үстүндөгү чайнекти алып чай куям деп төгүп алганда Алийма:

- Тумар, сен отура берчи, мен өзүм эле куюп ичем, - деди эле, тигиниси отуруп калды. Анткени алы ошол болчу. Сүйүнбек болсо арактан куюп отурду. Алийма да бир топ кызып калды. Арак түгөнүп, тамакты кесме салганга алы келбей калгандан кийин жөн гана ичеги-карынды закуска кылышты. Дасторконду Алийма жыйып кетмек болгондо Тумар эсине келип кызуу болсо да мурдатан даярдап койгон япон жоолугун салынтты:

- Ээ курбум, ушул сен табыштырдың эле бизди, сага ыраазыбыз, ушуну болсо да салынып кой!

- Тим эле койсоңчу, - деген Алийманын сөзүн укпады. Үчөө эшикке чыкты, түн бир убак болуп калган. Эптеп тар короодон чыгып Алийма жолуна түштү.

Ошонун эртеси эле Кадырбек Алиймага келип калды. Экөө бир топко сүйлөшүп турушту. Анан эле ары жактан Тумар көрүнүп калды. Ал шашып келип эле учурашып анан Айданага шыбырады. Ал эңкейип стаканга самогондон куюп бергенин көрдү. Ал жүз, анан элүү граммды алып ийип отуруп калганда бурулуштан колуна китеп, журнал көтөрүп Сүйүнбек көрүндү. Бул учурда алар китеп, гезит көтөрүп сатышчу. Кадырбек менен учурашып туруп калды. Заматта таарынычтар жазылып дароо эле Алийманын бөлмөсүнө келип дасторкон жайылды. Ортодо арак, куурдак баары бар. Шарактаган көңүл ачуу кечке чейин уланды. Ошол убакта алар бир гезит ачабыз деп түзүп атышкан, ошону талкуулап калышты. Талаш-тартыш менен көпкө отуруп кечинде гана тарашты. Күндөрдүн өтүшү менен негедир аралары алыстап бара жатты. Кадырбек болсо үйүндө жалгыз калган. Кээде бала кыял, кээде өтө өзүмчүл, кекирейген мүнөзү бар неме Алийманы тажатып жиберчү. Аны: "бою бийик, ою пас" десе болчудай эле. Негизи: "бою бийик ою пас болгуча, оюу бийик бою пас болсо болмок", деп ойлоп калат. Кыялдар адам баласын эң сонун максатка жетелеп, адам мээнети менен гана жетүүгө болоорун ойлобогон пенде болот эмеспи. Кадырбек кыялы, максаты канчалык ыйык, бийик болгону менен, кежирлиги аны артка тартып тураары белгилүү болчу.

Сүйүнбек менен Тумардын негиздеген гезити "А 4" өлчөмүндө жарык көрүп, алар гезитти жууп калды. Бул ортодо Кадырбекти үйлөнтөбүз деп далай аракет кылышты. Тумар Сүйүнбектин агаларынын кызы менен тааныштырып эми үйүнө алып келээрде кашайып он эки жыл мурун кеткен аялы кызын ээрчитип келип алыптыр. Аял десе арданган жакшы аялдын кылаар иши ушубу, он эки жыл кайда жүрдү эле, күйөөсүнүн кийими жуулбай, үйү каралбай, тамак-аштан тартылып жалгыз бойчулуктун азабын тартып жүргөндө эмнени ойлоп жүрдү эле? Аргасыздан: "Жаман аял эр коруйт" деп тим болдук. Жаман, ысык-суугуна ортоктош болуп атса аныкы туура эле, мыйзамдуу түрдө ажырашкан аял күйөөсүн каерде коручу эле? Ошентип Кадырбектин жаш аял алып бактылуу өмүр сүрөм деген кыялы ишке ашпай калды. Ого бетер ичип жүрдү. Ал ортодо Алийма менен жүрөт. Гезит жууп "Восток+" кафесинде отуруп андан кийин Алийманын батирине келишти. Баары кызуу. Ошондо Айдана апасына жини келип бир литр самогон бербей койду, болгондо да батирдегилердин көзүнчө уят кылды, теңселип өздөрүн кармаган беркилер не дээрин билбей калышты. Бир кезде Кадырбек Алийманы ийинден ала имерип колтугуна кыса:

- Апаң сага керек болбосо мага керек, биз кеттик анда, - деп чоң короонун дарбазасынан чыгып кетти. Көздөрүнүн жашын куюлткан Алийма бул кезде абдан ызалуу. Бирок өзүнүн ичип жүргөнүнө жини келгенин сезбеди. Балким дагы ошол бойдон ичип жүргөндө ким билет, биротоло берилип кетет беле. Кызы ошого ызаланды, короодогу элдин көзүнчө ичип алып кайдыгер эркек менен жетелешип келгени өөн учурап, уялды. Аны Алийма кайдан билсин, компания менен ойноп күлүп жүргөн неме.

- Эми кайда барабыз, сенин аялың бар да? - деп Кадырбекти суроолуу карады.

- Биздин үйгө, - деди токтолбостон Кадырбек.

- Кантип? - Алийма түшүнө бербей кайра сурады.

- Ал бүгүн сменде.

- Кой болбойт, андан көрө сен кете бер, мен бул жерде эле калайын.

- А мен сенсиз кетпейм! - Кадырбек аны колтуктап алдыга жетеледи. Андан кийин Алийма үн дебеди. Экөө экинчи троллейбус менен кетип атып уктап калган экен, качан гана акыркы аялдамага жеткенде айдоочунун үнүнөн селт эте ойгонуп түшчү жеринен өтүп кеткенин билип жөө-жалаңдап эптеп үйгө жетишти. Келгенден кийин жумуртка кууруп бир бөтөлкөнү Кадырбек коңшу камогунан алып келе койду. Экөө кечке, кайра түнү менен ичип атып жатып калышты. Эртеси ойгонуп, бирок башы ооруп тургусу келбей көзүн жумуп жаткан Алийма үйгө бирөөнүн кирген дабышын сезди, адегенде "Кадырбекпи" деп ойлоп анын жанында жатканын билди. Ошондо гана ал тигинин аялы экенин сезип көзүн бекем жумуп жата берди. Бир кезде Кадырбек:

- Келип калдыңбы? - деди эле:

- Келбейт дедиң беле, тиги ким? - деп анын төшөгүндө жаткан аялды колун жаңсай сурагандай болду.

- Ойношум, - Кадырбек эч нерсе болбогондой күңк этти. Алийма ушул мүнөттөрдө: "качан келип чачымдан тартып эшикке жылаңач бойдон сүйрөп чыгаар экен же бирдеме менен башка чаап жибереби" деп коркуп атты. Бирок андай болбоду, кантсе да: "өзүң кылган иш, өз башыңа муш" дегендей өзүнүн келип алып түрткүнчүк болгонун сезбеди:

- Ысык тамак алып келгем, бүгүн да сменде болом! - деп чыгып кеткен дабышын укканда эс ала түшүп көзүн ачты.

- Кеттиби?

- Кетти, тур андан көрө, ысык лагман алып келиптир, ошону ичебиз, - деп өзү ордунан туруп жуунганы чыгып кетти. Алийма дагы туруп жуунуп столго отургуча Кадырбек бир бөтөлкө алып келип калды. Экөө отуруп алып лагман менен баш жазышты. Ал күнү Алийманы кетирбеди. Экөө ал күнү да бирге болушту. Эртеси эрте Алийма үйүнө кетти. Ошол күнү столдо отурса Тумар менен Сүйүнбек келишиптир:

- Алийма, сен эми Кадырбекти өз жайына кой да, улам эле бара бербей. Алар кайрадан зорго табышып жашап жатканда, - деп Тумар тим эле Гуляга боору ооруй сүйлөдү.

- Ооба, эптеп табышканда, - Сүйүнбек коштой кетти.

- Эмне кылыптырмын? - Алийма аларды таң калгандай карады.

- Биз кечээ Кадырбек менен Гулянын табышканын куттуктап барганбыз, анан байкуш ыйлап атпайбы?

- Ыйласа мен күнөөлүүмүнбү?

- Экөө жашап жатса сен аларды бузуп атпайсыңбы?

- Тумар, бузган андай болбойт, ал жакшы аял болсо күйөө дегенди таштап кетпей жашабайбы? Мен күйөөм менен ажыраштымбы, ал аял алабы же ойношу барбы, басып барбайм, эркек кадыр-барк менен барып алып келбесе өзү келген аял ошондой болот да?

- Кызык экенсиң, эмне болсо ошол болсун, тим кой да! - Тумар чындап эле тызылдап алыптыр.

- Эмне, сени барып айтып кой дедиби?

- Айтпаса деле уят да?

- Мен уятты билбейм, Кадырбек алып барган, мен аны аялыңды кетир же мени менен жүр, жаша деген жокмун да.

- Ошентсе да, - дешип экөө өз жолдоруна түштү. Алийма алардын артынан карап алып жылмайып алды, ал азыр жөн жылмайган жок: кечээгисин ойлобой бүгүнкү күндөн сүйлөгөн адамдын жүзүн көрүп жылмайды. Кечээ эле ушул Сүйүнбекке жагуу үчүн базардагы орустардын эски кийимдеринен сатып алып кийген кийимдери жаңы кийимге алмашып, батир издебей иши оңунан чыгып өкчөгөн чүкөсү оңкосунан түшүп калган бул аялдын өзгөрүлмөлүүлүгүнө жылмайды. Бир айдан ашык ичкен-жегени менен төшөнгөн төшөгүн, ичип келсе "кудагыйым эле" деп эптеп катып жүрүп ушул адамга жолуктуруп койгондо, ыраазылыгын кош-кош айткан аялга окшобой турду: "бир кезде даамымды татып башка батирдегидей эмес таза атлас, кыжымы жууркандарыма жатып жүргөндө ушул жакшылыгыңды эч качан унутпайм деген аял ушул да" деп көпкө карап турду. "Ооба, эми ал Гулянын тамагын ичкен тура, бир күнү даам таткан жериңе миң жолу салам айт деп, эми ага айта баштаган тура" деп ойлоду. Аңгыча самогон ичкени көчөдө жашаган бир адам келип:

- Эже, башым сынып атат, акчам жок эле, элүү грамм куюп берип коюузчу, эртең алып келип берем, - деген эменин калтыраганын көрүп боору ооруп куюп берди:

- Эмне жаныңа күч келди, мынчалык ичип, үйбүлөң барбы? - деп сурап калды.

- Жок эже, үйбүлө деген жок! - тиги башка сүйлөгүсү келбей рахмат айтып басып кетти. Андан кийин жапжаш эле келин келип:

- Эже, бир штук сигарет бериңизчи? - деп кудайдын боору ооругудай кебетеси менен маңдайына турду. Чындай келсе бир-эки сом үчүн столдо отурганы калппы. Бети башы жарылган, кийим деген аты бар чүпүрөктү жонуна илип алган, жайдын күнү болгондуктан бутундагы слансыдан чыгып турган буттарынын салаалары, согончоктору дегеле суу көрбөгөндөй. Бир азга байыр алып карап турду да:

- Эмнеге мынчалык абалга келип жүрөсүң, жаш да, өңдүү-түстүү эле неме экенсиң, ушуга жеткирген кандай себеп? - деди Алийма бир штук полётун берип атып.

- Эже рахмат! - деп ширеңке менен күйгүзүп бир соруп алды да, - Кайсы арманды айтайын эже, сиз сурабаңыз, мен айтпайын, - деп басып кетти. "Сүйлөгөнү тың эле экен" деп ойлоп кайрадан соодага алаксып кетти. Деги эле ушул күнү Алиймага жалаң ушундайлар келип атты: "Ушундайдан жолдуумун" деп ойлоп "кудай берет мага, канчалык сооп иш кылсам өзүмө жакшы" деп кеч киргенде Айдана экөө товарын жыйып кирип кетишти. Келсе Кызжибек үйдө жок, кызы уктап аткан экен, үч айдын жүзүнөн ашып баратат, үч күнгө суранган келин да булардын бүлөсүнө айланган. Ичкен-жегени, баласынын сүтү, буламыгы бүт булардын эсебинде. Кээде пачка тамекисинен жоголуп калат. Унчукпады. Кантип кубалайт. Жүрөгү чыдабады. Сүйлөсө бир туугандарын мактап сүйлөйт. Анын бир туугандарынын ак үйдө отурса да бир столдо күнүмдүк оокатын өткөргөн аялчалык пайдасы болбосо эмне кереги бар эле? Чыдамы кете баштады. Бир күнү Кадырбекке айтты:

- Ай, сен Кызжибекти алсаң кызына ата боло аласыңбы?

- Болом, ошол мага болобу? - сүйүнүп кетти ал.

- Мен жөн эле ашыкча бирөөнү багып тажап кеттим, кетейин деген ою жок, - Алийма кейип алды. Ал оюнда Кадырбек менен Кызжибекти кошуп койууну ойлогону менен анын көңүлү барбы, жокпу аны билбеди: "Жок дегенде буга тийип ал десем кетээр же аргасыз тийээр" деген ой кетти. Ошол эле күнү Кызжибекке айтты эле ал үндөбөдү. Күндө бир жакка барып келет. Бир жолу кечиккенде Алийма катуу айтты:

- Ай Кызжибек, мен сенин кызыңды багып өзүңдү батырып алсам такыр эле: "келген конок уялбаса үй ээси уялат" болуп биротоло балаңды да бактырып алдың да, мен эмне атаңдын жакынымынбы же сага милдеттүүмүнбү, үч күнгө эле деп сурандың эле үч айдан ашты. Ме кызыңды, какылдап жанды койбой ыйлады.

- Кечирип коюузчу эже, күйөөм келиптир, ошол алып кетем деп көпкө туруп калдым.

- Күйөөң болсо кет да, же мен сенин эмнең элем, менден башка бирөө сени үч ай эмес үч күн батырмак эмес, же ушул үйдө отуруп жок дегенде белен оокатты асып койгонго жарабайсың, уялсаң боло. Эми минтип балаңды таштап коюп түн жарымына чейин жоголосуң. Бир күнү кийин жолуксаң саламга да келбейсиң! - деп Алийма баятан бери келип аткан ачуусун чыгарып алды. Ошентип ошонун эртеси үйдөн бир топ сигареттер менен акча жоголду. Көп акчанын ичинен алып коюптур. Алийма Айданадан сураса кайра өзүн күнөөлөдү.

- Өзүңдүн кылганың, кетир десе эле болбойсуң, буга эмне жыргал да, батир жалдайм, сүт алам, дебесе оокатка мындайлар жүрө берет, Мээримден деле жалкпадың. Бир күнү баарын көтөрүп жоголот, издеп көр!

Алийма ойлонуп калды: "ырас эле ырас эле, мунун ички оюн ким билсин, чын эле" деп ойлонуп калды. Эртеси:

- Эже бир азга, эки саат кармай туруңузчу, күйөөм менен сүйлөшүп келейин, квартира тапса чыгып алалы, - деп Алийманы тим эле өөп жатып кызын дагы таштап кетти кечинде. Эки-үч сааттан кийин, нан, манты, майда-чүйдө кылып кирип келди.

- Эмне болду, квартира таптыңарбы? - сурады андан кирээри менен Алийма. Кызжибек ушул учурда калпы кармалгандай кайпактай түштү:

- Мм, ооба-ооба, издеп атат, - Анан алып келгендерин ортого жайды да, - канчадан бери сиздердин сыйыңыздарды көрүп уялып атам деп, күйөөмө алдырып алдым.

- Ой кокуй күн оой, үйдө оокат деле бар эмеспи, - Алийма ага боору ооруй кетти, - Тим эле бекитип алып сүт, каша албайт белең, ансыз да биз ошолорду алып берип атабыз го?

- Ага бар эже, бир-эки күндөн кийин алып кетем деди, - деп жайдарылана отуруп калды.

Эки күндөн кийин эртең менен Кызжибек бир жакка эрте чыгып кеткен. Алийма батиринен чыгып чоң дарбазага келгенде алдынан кайыш тончон кычыраган эки жигит жолукту. Бирин тааныйт, спирт сатчу жигит. Бири бейтааныш. Талант учурашып:

- Эже, Кызжибек ушул жерде беле? - деди.

- Ооба, ооба, - Алийма Таланттын жанындагы бейтаанышты анын күйөөсүбү деген ойго кетип, - Азыр келет, - деди.

- Эже анын кызын алып кетели дедик эле.

- Эмнеге ботом? - Алийма тигил жигитти таңгала карады.

- Менин досум болот, карындаштын эки эркек баласы бар, эми кыз төрөсө анысы чарчап калды, операция менен төрөгөн эле, наркоздон тура элек, ал туруп баласын сураганча жанына жаткырып коёлу деп атты эле.

- Апей ботом, анын кызы үч ай болуп энесин таанып, күлүшүп калды, карындашыңар эсине келгенде деле күлүшүп калган кызды көрүп жүрөгү түшпөйбү, төрөлөөрү менен ушунча чоң, анан күлүп калдыбы деп, - Алийма бир топ сөздөрдү айтты. Алар бири-бирин сырдуу карашып тим болду, - Төрөгөн энеси келсе өзү билет, - деп коюп басып кетти. Кечинде келсе Кызжибек өзү эле Жайна менен отуруптур. Жан кейитип, түн уйкусун бөлгөн кызын берип жөн эле колу-жолу бошогонго оңуп калгандай жайдары.

Көрсө иштин чоо-жайы мындай экен. Дагы бир күнү көзү ачык ошол эле батирде жашаган аял келип:

- Эже, үйүңүздөгү келин баласын багып ала турган бирөө болсо берет элем деп жүрөт, мен клиент таптым эле, - дегенин угуп тим болгон.

Ошондо эле базарга көзү ачыктарга кыдырып төрөбөгөн, бала багып алгысы келгендерден издештирип жүргөн экен. Кызын бир нече жыл кийилген кайыш курткага алмаштырыптыр, башында же бутунда жок. Карачы, адам дегениңдин кара мүртөздүгүн. Жашоонун оорчулугунан айласы жок ичтен чыккан ийри жыланын бирөөгө берип, жалгыз жашап кетүүгө далбастаган бир бечаранын наристесин кайыш, көөнөргөн куртканы берип алып кетишиптир. Сураса:

- Кийин үч миң сом беребиз деди, - деп Алиймага тайсалдады.

- Чырактай кызыңды болбогон буюмга алмаштыраарыңды билгенде мен алып калып Жайнага кошуп бага бермек экенбиз, ансыз да үч айдан бери биз эле багып аттык эле, - Алийма кейип алды.

- Эже, кыйналып кеттим, - Жер карады Кызжибек.

- Ушул жерден манты жасаганга жардам берип иштей бер, мен сатайын, эмгегиңди чыгарып берип турайын дегенге болбодуң, эми бүттү да.

Айдана сөзгө кошулду:

- Аябай жакшынакай болуп калды эле…

- Болду эми, иш өтүп кетти, эми эмне кылайын деп атасың, күйөөң ошого макул болдубу? - Сынай карады.

- Ага айткан жокмун, квартира таппай атам деп кыйшыңдаганынан уруша кеткем.

Ошол бойдон эч ким үн катпай өздөрүнчө ойлонуп калышты. Андан кийин Кызжибек бутундагы жаман слансы менен дагы эки жумадай жүрдү. Бир күнү "подружкам" деп бир боюнда бар келинди ээрчитип келиптир. Ал көпкө дейре сүйлөшүп отуруп:

- Дагы ушул эжеге рахмат, азыр ушундайда бир тууганың да батырбайт, - деп калды.

- Буйруса эжеми ыраазы кылам, - деп күлүп койду Кызжибек.

- Мени эмес, кудайды ыраазы кыл айланайын, менин эле кызымдай экенсиң, мен ыраазы, кудай ыраазы, - деп Алийма Кызжибектин курбусуна карады.

- Ооба эже, кудай берет сизге, чын эле атаңыз тааныбаган бирөөнү үч айдан бери өз кызыңыздай батырып келипсиз, - Ошентип алар чыгып кетти. Алийма эки-үч күн буту күйгөн тооктой жүгүрүп жүрдү. Жапжаш, өңдүү түстүү келиндин жупуну кийинип алып слансы менен көчөдө жүргөнүнө Алийманын жүрөгү ооруган менен анын күндүк оокаты эсептелүү болчу. Бир жумадан кийин Кызжибек келбей калды: "Үч миң сомун алып кетсе керек" деп ойлоп калышты. Көп өтпөй эле ошол столдо соода кылган жерден бет маңдайындагы бир келин келип:

- Баягы сиздикинде жүргөн келинди уктуңузбу? - деп калды. - Ал келин күйөөсү экөө тең иччү, керээлден кечке пирожки жасап сатып анан экөө ичип алып жашай беришчү. Дал ошол үйдүн квартиранты.

Кызжибек ошол күнү курбусу менен квартирант кармаган агасынын үйүнө келген. Эки күн ал жерде болуп, Россиядан улуу агасынын алтымыш миң доллар менен келээрин билип калып өзүнүн тааныштарына сүйлөшүп бир күндү белгилейт да, дал ошол күндүн түнү курбусунун жанында жатат. Түн ортосунда каракчылар маска кийип келип үй ээсин аялы экөөнү сабап, карындашын дагы эки уруп жыгат да, акча талап кылып келиндин сөйкө, шакектерин, мойнундагы кымбат баалуу чынжырчасын, кымбат баалуу кийимдерин алып чыгып кетишет. Ал жердеги Кызжибекке бирөө да тийбейт. Анын эч нерседен бейкапар турганы үй ээсинин келинчегинин көзүнө урунат да, өз ичинен шекшигенин айтып, күйөөсү экөө дароо эле түндөсү милицияга чалып айтышканда ал коркуп баарын айтып берип, уюштургандыгы үчүн Кызжибекти камап коюшуптур.

Кызжибектин таржымалын уккан Алийма таң калып калды. Анын милицияда уурулук менен мурун жатканы да ачыкка чыкты. Көрсө ал училищада окуп жүрүп жатаканадан бирге жашаган кыздардын кийимдерин уурдаганы үчүн камалып сизодо жатып боюнда болуп калып качан төрөөрдө гана чыгып ошол күнү төрөгөн экен да, Алиймага жолуккан экен. Балким Алийманын ашыкча акчасы, крупный соодасы болсо алда качан эле тоноп кетмек экен да, кудайга тобо-оо. Ушуну ойлогон Алийма жакасын кармап алды:

- Кудая тобо-оо, өңү-түсү татынакай, жапжаш, назик сүйлөгөн Кызжибекти ошентет деп ойлогон эмес экемин.

- Ой эже, ошондой экен ал, мына хозяйкабыз наным урсун деп каргап отурат, - деди тигил ого бетер оштонуп.

- Бечара, - деп койду Алийма, - ой, ушул үч жарым айдын ичинде бир жолу да ич кийим, сырт кийимин которунуп кийген жок, эми эчтекеси жок экен дечи, бирок кызымдын кийимдерин берсем андан жийиркендиби же кийген жок.

- Жийиркенип дейсизби, өзү эрикчээлдир да, болбосо эмне, Айданадан жийиркенип болуптур, ал андан ашык болсо, кем эмес го, кызыңызды билем мен.

- Эми ар ким өзүн эр ойлойт да, шер ойлойт деген кеп бар, - деп Алийма келген клиентине карады. Ошентип тиги келин айтчусун айтып болуп ары басты: "бечара, укканын бирөөгө айтып алса эс ала түшүшөт да булар", - деп ойлоп койду аны. Кечке дейре Алийманын көз алдынан Кызжибек кетпей туруп алды. Бир жолу түндөсү кызы ыйласа Кызжибек чаап-чаап жиберди эле, Алийма чыдай албай:

- Ботом, ушул наристе урганыңды билип коюптурбу, сүт турат го, бербейсиңби! - деди эле кызаңдап кетти.

- Эмизсем болбой атпайбы, сволуч скатина!

- Апей ал эмне деп сөгүнгөнүң, наристеге андай нерсени айтпайт, жаман сөз болот.

- Өлүп кетсинчи, тажадым, - дегенде Алийма унчукпай: "Маа десең өлтүрүп ал, өз балаң" деп жатып алды. Азыр да ошону эстеди. Негизи эле ал ошол кичинекей наристени имерилип жакшы көрбөгөнүн, чакылдатып чаап жиберээрин көп эле байкаган. Көрсө… камалып сизодо жатканда кимдердин эрмеги болгонун ким билет, "ар кимден бойго бүткөн баланы көргүсү келбесе керек", - деп ойлоп алды. "Эмнеси болсо да жаш, сулуу кыз, өмүрүндөгү бир берилген өмүрүн терс жакка буруп алганы туура эмес эле болду. Ушул кезде канчалаган улан-кыздар жеңил ойлуулук менен тагдырын талкалап жатышпайбы. Миңдин бири да, бир кыргыз кызы, бирок күлгүндөй гана талкаланып калбадыбы?" - деп көпкө чейин ойлонуп отуруп кеч киргенин да байкабай калган экен.

Бүгүн Кадырбек келиптир, көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Анан ал:

- Алийма, жүрү кеттик, мен сага атайын келдим, - деди.

- Кой, барбай эле коёюнчу, - кыйылды Алийма.

- Барасың, бол бул жерге Айдананы коюп кой дагы кийинип чык!

- Барбайм, сенин аялың мени эми сөзсүз кубалап чыкса кантем, сыйым менен эле болоюнчу, бая күнү Тумар менен Сүйүнбек экөө келип аларды бузбай жөн жүрчү деп келиптир, мен бузуку болбой эле тынч болоюн.

- Бок жептир, айта беришет, - деп атканда Кадырбектин жолдош баласы Алик келип калды. Аны Алийма таанычу эмес. Экөөнү тааныштырып калды ал. Көрсө бирге келип, Алик тигиндейде күтүп калган тура. Кадырбек кечиккенинен басып келген экен. Таанышып бир аз туруп калганда Айдана келип калды. Аны отургузуп коюп, тигилерди батирине ээрчитип барып, кичинекей өжүрөсүнө дасторконун жайып, болгонун койду. Алибетте, дагы бир бөтөлкө келди. Үчөө ичип отуруп анан Кадырбек болбой Алийманы ээрчитип үйүнө кетти. Үчөө келди анын үйүнө . Алик Алийманын колу ачык, жайыл дасторкон экенин кайра-кайра айтып отурду. Ал жерден дагы бөтөлкө ичилди.

- Үйүң кенен болгуча пейилиң кенен болсун деген сөздүн чындыгын бүгүн чындап сездим, Алийма, рахмат! Өзүң батирде туруп келген кишиге дасторкон жайып мээрим төккөнүңө.

- Рахмат, ашың болбосо кашың жокпу дегендей, кел дебеген үйдөн кетмендеген көр жакшы дейт го, үйүм тар болсо силер жатып алмак белеңер? - Алийма шакылдай күлдү.

- Алиймага ыраазымын, дайыма ошондой, - деди Кадырбек, - же эртерээк жолукпай же жолукпай койбой, - деп калды.

Ошентип ал жерден да бир нерсени жасай коюшуп, үчөө улам ичип отурушуп түн кирип жатып калышты. Алик кичинекей бөлмөгө жатып эрте менен туруп баш жазбай эле кетти. Кадырбек менен Алийма туралбай кечке жатышты. Кечке маал туруп жуунуп алып, Алийма жумуртка кууруп келип жаңы эле отурганда кызы кирип келди:

- Жумуртканы ким алып келди? - деди ал Алийманы жаман көзү менен карап.

- Атаң алып келди, мен куурудум, - деди Алийма тартынбастан. Аңгыча аялы Гуля кирип келди.

- Бая күнү жаткан сен белең? - деди Алийманын маңдайына келип.

- Ооба.

- Аялы бар экенин билчү белең?

- Он эки жыл мурун ажырашканын билем! - Ал эч нерсе дебей ары басып кетти да кызына орусча кайрылды.

- Калыя, давай, собери вещи, уедем!

- Гуля токточу… - Кадырбек ордунан туруп аны менен сүйлөшмөк болдубу же кызынын көңүлү үчүн ошенттиби, кыскасы бир ооз гана айтты эле, анысы көңүл бурбай кийимдерин жыйнап чыгып кетип жатып артына кайрылып Алиймага:

- Жакасын кирдетпей, тамактан кейитпей кара! - дегенде Алийманын күйбөгөн жети күл болуп, жөн калбай жооп узатты:

- Он эки жылдан бери жакасы кирдедиби, ачка калдыбы деп ойлогон жок белең, эгерде бошотуп берсең сенсиз да жакшы карайм, жок кетпесең сенин эриң, сенин үйүң, бул жерден мен кетишим керек! - деп ордунан тура берейин дегенде аны Кадырбек токтото кармап отургузуп койду. Гуля чыгып кетти.

- Болду, - деди Кадырбек, - эми келбейт.

- Аны кетирбей алып калсаң болмок.

- Жок кереги жок, кете берсин! - деп колун шилтеп койду. Ошол бойдон башка сөзгө өтүп жумуртканы закуска кылып арактан ичип отурушту.

- Туура болгон жок, - деди Алийма күнөөлүүдөй.

- Билсең атайы ошенттим, сени көрсүн, кааласа калсын, каалабаса кетсин деп ойлогом да?

- Кызык, эмнеге?

- Ал болбосо үйлөнүп калмакмын да? - Кадырбек ич күптүсүн чыгара айтты. Сөз уланбай көпкө отуруп калышты. Эртеси Алийма үйүнө кетти. Ошондо кийин Кадырбек аны бирге жашаганга көндүрө баштады…

***

Алийманын бала кезинен бир курбусу бар эле, ошол бир күнү базардан жолугуп калды. Экөө көпкө жолукпаганга сагынышып калган экен. Көпкө сүйлөшүп туруп калды. Ал өзү Алиймадан кичүү, бирок мамилелери жакшы болчу. Ал өңдүү-түстүү да болчу.

- Кандай Токтокан, денсоолук, иштериң жакшыбы?

- Жакшы Алийма, өзүң жакшысыңбы, бала-чака чоңоюп калдыбы?

- Кудайга шүгүр, сени ырчы болуп кеткениңден бери такыр эле көрө албай койдум, сага жолугуш кыйын го?

- Койсоңчу, ырчы болгондо эле эмне, ырчы деле адам да, алардын деле жүрөгү бар.

- Кандай сулуу болуп кеткенсиң, ого бетер эле, мен болсо керээлден кечке минтип базарда жүрөм.

- Базарда жүрсөң да бирөөдөн сурабай оокатыңды кылганыңа кубан курбум, биздин жашоо укмуш дейсиңби, - деп курбусун кафеге чакырды, - Жүрчү отуруп сүйлөшөлү, жүрөгүмө батпай жаткан сырды бир төгөйүн, - деп калды.

- Токтокан, кафеге кирбей эле койбойлубу, менин эле батириме баралычы, же карапайым эле жашаган батирге баралбайсыңбы? - Алийма тамашалай күлүп калды.

- Кеттик, - деди ал токтолбостон, - Ай баса, мен башка ат менен чыгып жүрбөдүм беле, азыр ырдагым деле келбей калды, - деди жолдо баратып.

- Эмнеге, бала кезден эле ырчылыкты эңсечү эмес белең?

- Шашпа, айтып берем, - дешип жолдо баратып Алийма бир дүкөнгө кайрылып:

- Нан алып алайын, сен туруп тур, мен өзүм кечкиге бирдеме алайын деп келгем, - деп Алийма аны таштап бир дүкөнгө кирип тамак-аш алды. Ага көрсөтпөй Токтокан берки дүкөндөн алды. Шашып-бушуп келген Алийма аны деле байкабай батирине алып жөнөдү. Кирип келатканда аларды ысыктан көлөкөлөп сыртта отургандар бүт карап калышты. Тез-тез кирип төргө өткөн Токтокан:

- Ай-иий, ушунча киши бир короодо жашайсыңарбы? - деди таң калганын жашырбай.

- Бул эчтеке эмес, кечинде жумуштан келгенде көрөсүң, - Алийма ага күлө карады, - Ушул биздин жашоо, кимдикине ким келди, карап эле турмай.

- Ошонусу жаман экен, мен мындай деп элестеткен эмесмин.

- Элестетип отурбай көрүп алганың жакшы болду, артисттер менен чоңдор, карапайым элдин кантип күн көрүп атканы менен ишиңер деле жок да, - Алийма курбусуна тийише тамашалап койду.

Алийма чай коюп, ала келген этин плитага асып атканда Токтокан:

- Анча эмне көп, экөөбүзгө көп калат го? - деди.

- Ой анын ээлери бар, азыр эле келишет.

- Ийи, анда мейли, - төргө бутун суна отуруп калды. Чай алдыга келгенде бир-эки чыны ичкенден кийин эле Алийма сөз угууга дилгирленди.

- Кана эми, тамак бышканча жакшылап сүйлөшүп отуралы.

- Сүйлөсө мындай Алиш, - деди Токтокан, - Мен жакшы эле чыгып келатпадым беле, анда Союздун учуру болчу. Дегеле көрө албастардын айынан ырдагым да келбей калды. Мен сага башынан айтайын, - деди тигил.

- Мен шаарга жаңы келбедим беле, ошентип ырдай турган болдум, - деп баштады Токтокан. - Филармонияга ырчы болуп киргенден мурун эки жылдык студияны бүтүш керек эле. Ошон убакты өлкөбүздө башаламандык башталып кимди ким көрдү, быржыбайды там басты дегендей алдуулары, колунан келгени документтештирип ишкана менен заводдорду, дагы көп эл билбеген жерлерди менчиктештирүүгө аракеттенип жатышкан убагы эле.

Токтокан филармониядан чыгып келатып тааныш айылдык ырчыга жолугуп сүйлөшүп туруп калды. Анда айылдан келген баё кыз, тартынчаак, уяң эле. Бир кезде алардын жанына ак чач адам жолугуп учурашып:

- Ийи, коллега, бул кыз ким? - деп Токтоканды бутунан баштап башына чейин көз чаптырып өттү.

- Биздин айылдан болот агай, ырдайм деп келген экен, окумайынча болбойт деп коюптур.

- Кана жүргүлөчү, мен бир көрөйүн, үн бар бекен сиңдиңде? - деп ажарлуу күлүмсүрөп коюп алдыга басканда Гүлмира кошо басты. Токтоканды ээрчите баратып:

- Ушул агай жардам берсе сен бул жерде калып калышың мүмкүн, - деди шыбырай. Токтокандын жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Бешинчи кабатка чыгып бир узун коридор менен барып тиги киши кирген бөлмөгө киришти. Анан аны дагы бир чолуп карап өттү да:

- Кана, ырдап көрчү? - деди.

- Жөн эле ырдай беремби? - Токтокан тартынчыктай сурады. Гүлмира тигиндейректеги орундукта отурат.

- Анан эмне, ошентип эле ырдай бересиң, - деп койду тиги киши күлүмсүрөй. Токтокан ырдап жатып да: "кабыл алып калса экен" деп ичинен тилеп жатты. Ырдап бүттү. Экөөнү жал-жал карады "эмне дээр экен" дегендей.

- Ой азамат десе, үнүң бар турбайбы, эртең мага келгин, окуунун башталганына аз эле болду, документтериңди барбы?

- Бар.

- Анда келе бер! - деп койду. - Мындай үн менен сен жогоруда гана жүрүшүң керек!

- Рахмат агай! - Токтокандан мурун Гүлмира ордунан туруп ыраазылык билдирди.

- Рахмат, - деди Токтокан дагы уялыңкы.

Ошондон баштап Токтокан филармониянын ыр бөлүгүндө окуп да, иштеп да калды. Бирок аны даярдоодо, сахнанын турмушун үйрөтүүдө агай өзү катышып көз салып турду. Ал Токтоканды ар дайым эркелете Күкү дей берчү болду. Адашып атабы деп да жүрдү Токтокан. Ошентип анын табышмактуу жашоосу башталды. Качан болсо да агайы аңдып тургандай жолунда пайда болчу болду. Анысын кээде кокустук дейин десе ал атайы эле кафелерге чакырчу болду. Ашыкча сөз деле сүйлөбөйт, өзү абдан маданияттуу, сылык сыпаа, мээримдүү мамиле кылып, ар бир сөзүн Күкү деген сөз менен коштоп турат. Ошондой күндөрдүн биринде коллектив чогуу майрам тозмок болуп калышты. Ошол күнү Токтокандын бир көңүлү ачылып өзүн абдан бактылуу сезип атты. Анткени ага ырдап жатканда баары жакшы тилектерин айтып, үнүнүн ушунчалык мукамдуулугун өзгөчө мактап жатышты. Ага аз-аздан винодон татууга туура келди. Биринчи жолу ичип аткандыктан башы айланып чыкты. Майрамдын акырында өзүнө теңдеш жаштар болсо да, алардан озунуп:

- Мен жеткирип коём, - деген агайынан эч кимиси батына албады. Өзү да каршы болууга жараган жок. Үндөбөй чогуу чыгышканда агайы аны кайра түнкү иштеген кафелердин бирине алып кирди. Агайынын ошол учурда бойдок экенин билди. Көпкө отурушту. Кымбат баалуу винодон ичишти. Канча отурганын билбеди. Эртеси ойгонсо чоочун үйдө жатканын гана билди. Чоочуп тура калса агайы чылым чегип отуруптур. Өзүн жаман абалда сезген Токтокан иштин чоо-жайын түшүнүп кайра жатып алып ыйлап кирди:

- Эмнеге сиз… эмнеге менин убалыма калдыңыз? Арам беле сиздин ушул убакка чейин мени колдоп жүргөнүңүз, эртеңкимди неге ойлободуңуз?

Агайы Бекмурат Алиев аны үндөбөй чылымын соруп карап отура берди. Бетин басып алып ыйлап жаткан кыздын жанына басып келди да:

- Ыйлаба, көгүчкөнүм менин, мен сени эч нерседен кемитпейм, сени көргөндө эле көңүл кушум өзүңө түшкөн. Ачык айталбадым, кечир мени секелегим, - Ал жанына отуруп чачынан сылай эркелетип, жаш жигиттерчесинен бойлошо жатып алып жүзүнө жүзүн тийгизип сүйлөп атты. - Мен өмүрүмдө бир гана жанды сүйгөм, бул жашоодо андан алыс калдым, - Бекмурат кызды төшөк сыртынан кучактап алып көз алдына өткөн кезин элестетип сүйлөй берди…

Бекмурат айылдык жигит. Театрга жаңы келген. Шыпылдаган узун бойлуу чырайлуу жигиттин музыкага болгон шыгын байкагандар дароо эле кабыл алды. Ырдаса үнү, сүйлөсө тили татуу - тез эле жуурулушуп, сахнадан орун таап кетти. Музыка жаза баштады. Экинчи жылы окуу жайга бир кыз келди. Аны көрүп эле эсин жоготту. Мүмкүн башкалар үчүн көп кыздын биридир, бирок Бекмурат үчүн асмандан түшкөн ай кызындай эле туюлду. Дароо эле анын артынан түшүп өз сүйүүсүн билдирип максатына жетти, бирок…

Кыздын аты Акбари экен. Ошондон баштап Бекмураттын жашоосунун ар бир мүнөтү майрамга айланды. Акбари жеринен көп сүйлөбөгөн, өрүп койсо соорусунан ылдый такымына жеткен узун чачы, ботонукундай жайнаган кара көздөрү, кол менен атайлап чийип койгондой болгон капкара каштары, кырдач мурдуна жарашып үр кызындай эле үлпүлдөйт. Бекмурат какылдап канча сүйлөп жатса да жылмайып, жайнаган көздөрүн бардап ачып-жума сүйкүмдүү жылмайып отура берчү. Бекмурат аны дал ошол отурганында жандуу адам эмес эле чебер сүрөтчүнүн кооздоп тартып койгон сүрөтүндөй сезип кетчү. Бир күнү дагы ошол калыбында отурганда ага Бекмурат:

- Акбари, үйдө канча бир туугансыңар? - деди сөзгө тартканы. Ал аны карап сырдуу гана күлүмсүрөй:

- Эки, - деп койду.

- Сенден бөлөгү кызбы, эркекпи?

- Иним бар, ал баспайт, сүйлөбөйт.

- Жаман экен.. Акбари, мен бир туугандарымдын экинчисимин, менден улуу агам бар, - деп кыздын колдорун кармалаганда ал колдорун акырын тартып алды, - Ата-энең сенин артист болууңа каршы эмеспи? - деп койду.

- Жок.

- Акбари сүйлөчү, мен сенин үнүңдү уккум келет?

- Эмнени сүйлөйм? - Маңыроо карап койду.

- Артистка болгуң келсе көп сүйлөп, көп ырдашың керек, а сен таптакыр сүйлөбөйсүң.

- Мм, сүйлөгөн эле киши артист болобу? - Көздөрүн адатынча бакырайта сурап койду.

- Ананчы, шайыр шаңдуу келет артист деген, а сен тескерисинче таптакыр унчукпайсың.

- Ырдасам болду да?

- Үнүң го бар экен, баары айкалышпай жатпайбы. Акбари, сен мага качан жооп бересиң?

- Эмнеге? - кыз жылмая сурады.

- Менин сага айтканымды унуттуңбу? - Бекмурат анын көздөрүнө тигилди, - Сен мени сүйөсүңбү?

- Аа-аа, - Кыз көздөрүн ылдый түшүрдү, кирпиктери төгүлүп жерди карады, - Мен апам менен кеңешишим керек..

- Эмне, мени сүйөр сүйбөсүңдүбү, апаң мени сынайбы же?

- Ий-и, - деди Акбари, - Апам, сени сүйгөн жигитти биринчи мага көрсөт деген болчу.

- Кызык, мен кыз сүйүш үчүн адегенде кайненеге көрүнүшүм керекпи?

- Эмнеге болбосун, сени сынайт, жакшы адам менен жаман адамды ал сыртынан бир көргөндө билет, - деди аны таңгалтыра.

- Койсоңчу, кыргыздарда жигитин ата-энеге көрсөткөн салт жок да?

- Жок болсо бар кылабыз! - Акбари ойлуу Бекмуратты карады.

- Макул эми, - деген Бекмурат кыздын жанында ойлуу басып келе жатты: "кызык, апасына жаксам сүйүп, жакпасам сүйбөйбү?" деп ойлоп атты ичинде. Экөө кыздын кетээр маршруткасына түшкөндө коштошту. Көпкө ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси досум деп ишенген Оморбекке айтты. Ал дагы шуулдаган жигит болчу:

- Ой анын эмнеси бар экен. Таанышса танышып кой, кыргыздар деле орусташып баратпайбы, эч өөнү жок, - деди ага кеңеш берип.

- Кызык эй, мен сиздин кызыңызды сүйөм деп ага айтышым керекпи?

- Жо-ок, сен жөн эле жибектей созулуп кал, барасың, алар өнтөлөп сыйлайт, сенден эчтеке сурабайт, жөн гана түшүнүшөт.

- Ой атасынын көрү десе, барса барайын анда, - деген Бекмурат ордунан шайдоот тура калып досу менен кол алышты да жөнөй берди.

- Ак жол дос, жолугушуң жакшы болсун, - деп Оморбек артынан кыйкырып кала берди. Бекмурат токтолбой эле Акбариге жолукканы келсе ал окуу жайдан чыгып алып отургучта ыйлап жаткан экен.

- Акбари, сага эмне болду? - Бекмурат анын жүзүнөн ылдый шүүдүрүмдүн тамчысындай кулап жаткан жашын сөөмөйү менен шыпыра жанына отурду, - Сени ким капа кылды? - Акбари үнсүз эле ыйлай берди, - Айтчы берекем, сени капа кылган неменин акесин тааныта койойун.

- Эч ким, окуудан кулатып койду.

- Аа-аа ошол элеби, быйыл болбосо эмдиги жылы окуйсуң, жүрү андан көрө мени болочок кайненем менен жолуктурчу?

- А сен барасыңбы? - Акбари жаш баладай кубана көздөрүн жалжылдата аны караганда:

- Ийи, мен бара турган болдум, - деди Акбарини аярлай ийинден ала өйдө тургузуп. Экөө катар басып тротуар менен жай басышты. Анын үйү ошол эле окуу жайдын жанындагы бийик кабаттуу үйлөрдүн биринин үчүнчү кабатында экен. Акбари үйүнүн эшигине келгенде:

- Ушундай туруп тур, апама айтайын, - деп ичкери кирип кетти да бат эле кайра чыкты, - Жүрү, апам күтүп атат.

Экөө эрчише кирип келгенде аларды улгайып калган, дал Акбаринин өзүнө окшогон сулуу аял каршы алды. Анын чачтарынын агарганы кулак түбүнөн көрүнүп турду булайт:

- Кел, келе койгула! - деди ал жылмайып, сыпайыгерчилик менен Бекмуратты сырдуу тигиле. Үйдүн ичи абдан жакшы жасалгаланып, тыкан таза жыйналуу. Төрдө үчөө түшкөн сүрөт илинип турат. Акбаринин он-он бир жашындагы болсо керек. Ата-энесинин ортосунда бактылуу жадырап бир башкача түшкөн экен..

Столдун үстү толо, кайсынысынан баштарыңды билбейсиң. Бекмурат отуруп калганда Акбари бөлөк бөлмөгө кирип кийимин алмаштырып чыкты, колуна апапак мамалак көтөрүп алыптыр. Жеңил спортивка кийип алган. Аябай жарашып калыптыр.

- Апа, менин мамалагымды эмнеге ордунан жылдырып койдуң? - деп апасына тултуя кадимки беш жашар баладай карады.

- Кызым, конок көзүнчө мамалагыңды ары коюп кой, анан сүйлөшөбүз. - деп эне кызына мээримдүү карады.

- Силер сүйлөшө бергиле, мен куурчагым менен ойнойм! - деп кайра бөлмөсүнө кирип кетти.

- Кел айланайын, чайдан ичип отур, - деген эне кызынын мындай кылыгынан уялгансып, бирок билгизбей Бекмураттын кайдан болоорун, кайсы окууда окуп жатканын сурамжылап отурду. Бул аялдын энелик өтө кең пейилдиги, жумшак мүнөзү, камкор эне экенин туйдуруп турду. Бекмурат: "Бул эмнеси экен, апасынын маңдайына мени коюп өзү куурчак ойногону эмнеси, бул оорулуу эмеспи" деп ойлонуп оюн жыйгыча анын ички оюн биле койгонсуган эне кайрадан сөз козгоду, - Уулум, бул кыз биздин жалгыз кызыбыз, атасы экөө үч жыл мурун авария болуп кызым ушинтип калды, атасы болсо бизди таштап кетти, жалаң жогорку кызматтарда иштеп жүрдү. Кайда болсо жумуштан сырткары жанына кызын салып алчу, мен ал күнү ооруп ооруканада элем… - Эне оор күрсүнүп алды, - Кудайга шүгүр, дагы жаны аман калды, бара-бара өзүнө келет деп жатат врачтар, башы ооруйт, андайда кызымдын кыйналганын көргүм келбейт, - Эне улутунуп алды.

- Врачтар айыгат десе жакшы экен, сиз ар дайым врачтарга көрсөтүп турасызбы? Иним бар деди эле?... Бекмурат энени карады.

- Ооба, ар ай сайын барып турабыз.. Кайдагы иниси, ал өзүнүн куурчактарын айтып жатат.

- Анда мен кетейин, - Бекмурат шалдая ордунан турду: "байкуш ай, түйшүктү өзү жалгыз тартат экен, эми жакшы болуп кетсе жакшы" деп ойлонуп босогого жеткенде Акбари жетип келип:

- Кетип жатасыңбы, отура турбайсыңбы, а мен куурчагымды ойнотуп жаттым эле да, - деп көздөрүн жалжылдата, баладай күнөөсүз жан аны суранычтуу карап турду.

- Мен шашып аттым эле, келип турам ээ Акбари, - деп Бекмурат анын колун бекем кысып коюп апасы менен жылуу коштошуп чыгып кетти. Ал жерден чыгып алып терең улутунуп алды: "Аттиң, сүйүүнүн жалынына какталып сулуунун элеси көз алдынан кетпей, жомоктогудай жашап жүргөндө бул эмне деген сырың, эми эмне кылам, кантип унутам" деп ээн жолдо жалгыз басып баратып ойлоно берди: "Балким жакшы болуп кетээр, врачтар айткан тура" деп ойлогондо жеңилдей түштү. Ооба ал чын жүрөгү менен сүйгөн эле да. "Бечара, - деп алды ал, Акбаринин апасын аяп кетти, - эне байкуштун мээримине баланын эч бир жакшы мамилеси татый албайт го, тоо томкорсоң да эненин ак сүтүнөн кутула албайбыз го, эмгегичи?" деп басып жүрдү. Омор андан эртеси жолугуп сурады:

- Кандай барып келдиң, кайненең кандай неме экен?

- Кечээ бара албай калдым, сенден бөлүнгөндөн кийин дагы бир жолдош бала жолугуп калып… - Бекмурат калп айтты. Ал Акбаринин абалын ага айткысы келбеди.

- Барып көрсөң болот эле да,, ушундай сулуу кыздын ата-энесине бир жолуксаң болмок.

- Акыры жолугам да, - Бекмурат көңүлсүз айтты, бирок ар бир суроосу анын жүрөгүн тызылдатып жатты.

Бир күнү сабакта отурган эле, жанында отурган өзү теңдүү Болотбек аны карап:

- Жанагы жинди кыз менен сүйлөшүп жүрөсүңбү? - деп калды.

- Кайсы? - Бекмурат каштарын тырыштыра сурады.

- Жанагычы, Акбари деген, ал кыз оорулуу да, мен кечээ эле уктум, сенин аны менен кыз-жигит болуп жүргөнүңдү.

- Жап оозуңду, аны жинди деп сага ким айтты? - Бекмураттын жини келип кетти. Болотбек тайсалдай түштү, бирок кайра эле баштады.

- Ой анын оорукчан экенин мен жакшы билем, биз анда коңшу болчубуз, кийин алар бул жакка баса беришкен.

- Болду былжырабай! - Бекмурат орой унчукту, бирок тиги ага деле болбой сүйлөй берди:

- Абдан сулуу бирок, кийин эле ошондой болуп калбадыбы?

- Сенден ким сурап атат, оозуңду жабасыңбы?

- Чычалабай эле кой, сүйүүнү сыйлайм, чынында сүйүп калсаң өтө жаман.

Ошол учурда сабак берип жаткан агайы чыгып кетип баары орундарынан турушту. Бекмурат тиги курсташын окуу жайдын сыртына бир бурчка чакырды.

- Сен эмне деп былжырап атасың, биринчиден мен аны менен жүрбөйм, экинчиден анын жаман жагын элге айткыча өзүңдү жакшылап колго алып ал, уктуңбу?!

- Ал үчүн эмне мынча жинденип атасың, оорулууну оорулуу дейт да?

- Өз жаманыңды билбей бирөөнү айтканың адамдык сапатыңдын эң пастыгы экенин жакшылап билип ал! - деп Бекмурат анын жакасынан силкип коюп басып кетти. Тиги бою пасыраак бала турган жеринде бозоргон бойдон туруп калды. Ошол күнү дагы Бекмураттын эч нерсеге көңүлү келбей кыжаалат болуп жүрдү: "Айыгып калса экен". Ошондон кийин анын таптакыр көңүлү ачылбай, баягы шайдоот шайыр жигит абдан өзгөрдү. Сабакта, же музыкалык билим алуу учурунда ойлонуп отура берчү болду. Акбари келбей калды. Көрсө ал документ деле тапшырбаптыр, мугалимге апасы дайындап алаксытып, эл арасында жүрсө өзүнө келип калаар деген ой менен жиберип турчу тура.

Арадан бир жума өткөндө Бекмурат Акбаринин үйүнө барды, канчалык өзүн андан алыстатып, барбай коюуга аракеттенсе да болбоду, жүрөгү аны көрүүгө дегдеп туруп алды. Бекмурат келип эшиктен кирип апасы менен учурашып Акбарини сурады.

- Саламатсызбы?

- Жакшы айланайын, - Эне жылуу тозуп алды.

- Акбари барбы?

- Бар, бар… - Эне ары жакты карап үн салды, - Ээ Күкү, конок келди!

- Күкү дейсизби? - Бекмурат таңгала карады.

- Ооба, жүр балам,, өйдө өтүп чай-пай ичип отур! - эне төркү үйүн көздөй ээрчите, алдыга басты, - Атасы Күкүм деп эркелетчү, өзүм да ошентем.

- Аа-аа сенби? - Акбари ага келип учурашкансып карап калды: "Кап, аттиң ай", Бекмурат анын илебине эле өзүн жоготуп коё жаздады.

- Кандай Акбари, ден-соолук жакшыбы? - Бекмурат ичтен өкүнүп өңгөчүн тарта улутунуп алып ага жылмая карады.

- Жакшы, иним уктабай эле кыйнап атпадыбы, жүрү инимди көргүң келеби? - Ал Бекмуратты колдон алып өзүнүн бөлмөсүнө жетеледи. - Мен ушуну карап атып чарчадым. - Кабагын бүркөп тултуюп койду. Аңгыча анын бөлмөсүнө жетип келип: "кудай уу-уу" деп алды ичинен Бекмурат. Анын бөлмөсүндө чо-оң куклалар, эркеги да, кыздары да, кроваттарында жатат. Анан калса аларга түрдүүлөп кооз кийим кийгизип коюптур. Четте эркек кукла жатат.

- Ой-ий, булар кимдер? - Бекмурат кызды карады.

- Алар экөө менин кыздарым, тигиниси анын достору, - Акбари өзүнчө эле кубанычтуу күлмүңдөй Бекмуратты карады.

- Жакшы экен, - деп туруп эле калды. Акбари чачын жакшына кылып ороп түйүп алыптыр. Мурункудан жакын, сулуу көрүнүп, жүрөгү элеп-желеп болуп турду: "Мейли кандай болсо да мен Акбарини сүйөм, оорулуу болсо айыгат, бактылуу болобуз" деп көкүрөгүндө кайталап жатты.

- Күкү, конокту чай ич де, келгиле! - деди эне Акбари Бекмуратты колдон ала ашканадагы чай иччү бөлмөгө алып келди.

- Отур, өзүң да бирдеме ичип ал!

- Койчу апа, ичпейм, - деп секелектей буруйган Акбари отуруп калды.

- Сен чоңойбодуңбу кызым, жигиттердин көзүнчө тынч отуруп чай ич, Бекмурат таарынып калса келбей коёт.

Акбари апасынын жанында үндөбөй Бекмуратты жал-жал карап отуруп калды.

- Күкү, сен эми бойго жеттиң каралдым, экинчи куурчак менен ойногонуңду ташта балам, Бекмурат сага таң калып атат.

- Эмнеге? - Бекмуратты карап, - Мага сен таң калдыңбы?

- Жок, жок… - Бекмурат ыңгайсызданып кетти, - Эмнеге, таң калган деле жокмун… - деп апасын караса ал эрдин тиштей: "аны уяткарып койбойсуңбу" дегендей башын ийкеп койду, - Акбари, сен чын эле чоң кызсың да, мына он сегизге чыгат экенсиң, анан сен куурчак ойнобой апаңа жардам беришиң керек, сендей кыздар жигиттер менен сүйлөшүп жүрбөйбү? - деди жылмая карап.

- Жигит.. Ал эмне, жигит менен эмнени сүйлөшөт, апа? - Маңыроо апасын карады.

- Сен чоңойдуң, мага күйөө бала болчу жигитти айтып атат, сен жакында күйөөгө чыгышың керек да?

- Ай-ий, күйөөгө тийбей эле коёюнчу? - Акбари уялгандай жер карап көз кыйыгын Бекмуратка жөнөттү, - Мен сүйлөшө албайм да…

- Сүйлөшөсүң кызым, жакында сен жакшы кыз болосуң.

Акбари андан кийин унчукпады. Бекмурат кетмек болуп сыртка чыгып баратып:

- Апа, Акбари мени менен бир аз сейилдеп келсин, мен өзүм жеткирип коём, - деди кичипейилдик менен кайрыла.

- Мейли балам, мен сага ишенейин, - деди эне муңайым, - Күкү, чыгып кел ээ? - Акбариге карады.

- Кайда чыгам?

- Бекмурат менен сейилдеп кел, үйдө отуруп зериктиң го кызым.

- Апа, менин бөбөгүмдү ыйлатпай карап кой ээ, мен бат эле келем! - Акбари ошол үйдө жүргөн бойдон эле чыкты. Сыртка чыгып баратканда коңшу үйдөн бир аял чыгып Бекмуратты колтуктап алган Акбарини таңгала карап узатып калды. Экөө жай басып паркка жөнөдү. Бир кезде кыз парктагы балмуздак сатып отурган кыздын жанына жүгүрүп барып андан балмуздак алды да ары басып кетти.

- Эй, эй… - деген кыз анын артынан жөнөмөк болгондо Бекмурат:

- Чоң кыз, мен төлөйм, канча болду? - деди да оозунан чыкканын берип ары көздөй басты. Акбари дагы бир жерден кичинекей куурчак алып ары кетип калды.

- Мына, - Бекмурат бир сом берди да улам бир нерсени кармалап аткан Акбаринин артынан тез-тез басып жөнөдү, - Күкү! - Акбари бурула берип аны карап туруп калды.

- Эмне, мына муну карасаң, менин кукламдын баласы жок, ушуну бербей атат, - бултуя Бекмуратты карады. Жанындагылардын баары аны карап туруп калышты.

- Азыр… - сатуучуга карады, - канча мунуңар?

- Үч сом.

- Мына, - деп беш сом берди да Акбарини колтуктай элдин ичинен эптеп чыгып кетүүгө ашыкты, - Күкү, сен антпей жүр, акчасы жок бербейт да.

- Ыкы, мен апамдан акча алып алсам болмок…

- Болду эми, жүрү тээтиги отургучка отуралы, - деп бак ичиндеги отургучтун бошуна барып отурушту. Акбари кичинекей оюнчук кукланы колуна кармап алып өзүнчө кубанычтуу:

- Күчүгүм десе, азыр сени апаңа алып барам, - деп чоп эттирип өөп атты.

- Күкү! - Бекмурат ага жакшылап сүйлөшүүнү эп көрдү, - Күкү, экөөбүз качан үйлөнөбүз?

- Ыя? - Акбари аны бир башкача көз караш менен карады, - Кантип?

- Ушинтип эле, сен мага жар болосуң, бала төрөп бересиң…

- Бала төрөп? - Акбари кабактарын бүркөй түшүнбөй сурады.

- Ооба, мен сага үйлөнгүм келет.

- Апам билет.

- Апаң кайдан билмек эле, сен мага тийесиңби?

- Жүр кеттик, апама барабыз, апаман сурайбыз, - Бекмуратты колунан тартып кирди, - апама баралы!

- Жо-ок, Күкү мен сени үйүмө алып кетпейинби?

- Болчу менин үйүмө, апаман сурайбыз, - деп эч нерсе түшүнө албай атканы белгилүү болду: "Демек жакшылап сүйлөшө албаса, ата-энем муну көрсө эмне дейт, аа-ай жараткан, Күкүнү менин багыма эмес шорума жараткансың го?" деп ичинен кейип алып анын жетегине көндү: "кой муну жеткирип коюп кетейин", деп ойлоду. Үйүнө келгенден кийин Бекмурат сырттан эле кете бермек болду эле Акбари болбой үйүнө тартып кирди:

- Кетпей эле койчу, азыр апам менен сүйлөшөсүң, а мен куурчагым менен ойнойм, - дегенде Бекмурат:

- Жок Күкү, мен эртең келем, азыр менин жумушум калды, барайын ээ? - Ушул учурда апасы келип Акбарини ички үйүнө ээрчитип кирип кетти.

- Сен эмне мени бул жакка алып кирдиң, мен Бекмуратты кетирбейт болчумун! - Акбари ыйлап чыр кылып атты. Ушуларды угуп турган Бекмурат ичи сыйрыла эшиктен чыгып кетти: "Байкушум ай, эмне кылсам экен, врачын сурап алып барып көрсөмбү, буга сөзсүз жардам керек, бул бойдон кор болот го, өмүр бою, азыр го апасы көзүнүн карегиндей кылып карап турат , ал кокус жок болуп кетсе, кайда, кимдин колунда калат" деп жүрөгү бычак менен тилгендей сайгылашып кетип баратты: "Мен Бекмуратка барайынчы, кетпе дечи апа!" деген Акбаринин үнү кулагына кайра-кайра жаңыра берип баш ооруп чыкты: "Эмне болду, алаксыды бекен" деп үйүнө келди. Агасынын үйүндө турчу. Келсе жеңеси аны күтүп атыптыр.

- Ой бала, кайда жүрөсүң, атамдар сени үйлөнтөлү деп чакырып жатыптыр.

- Эмнеге үйлөнтөт? - Бекмурат маңыроо сурап койду, билип турса да билмексен боло.

- Эмнеге дегени эмнеси, жыйырма бешке чыкканча бойдок жүрдүң, эми болду да, сендейлер эки-үч балалуу болуп калышкан эбак.

- Болсо боло берсин, мен үйлөнбөйм!

- Апей, атамдарга өзүң айт да, мен кантип айтам, акең деле сени үйлөнсүн деп отурат.

- Мен дагы эки-үч жыл, болбосо отузга чыккыча үйлөнбөйм!

- Өзүң бил бала, атам менен апам байкуштар, өздөрүнө ылайыктуу кыз таап алып тез келсин дегенин айттым да.

Бекмурат андан кийин сүйлөгөн жок, тамак ичип алып өз бөлмөсүнө кирип кетти. Анын оюнда Акбари: "Эртең барып апасынан врачын сурап алып барып сурап келейин, айыгабы же" деген чечимге келди: "Эгер ал айыкпай турган болсо анда үйлөнөм" деген оюн:

- Эй бала, эмне кыйшаңдап атасың, атамдар чакырып аткандан кийин үйлөнбөсөң да барып келбейсиңби? - агасы Апсамат анын оюн бузду.

- Эки күндөн кийин барайын, эки күн зарыл жумушум бар.

- Болуптур, эки күн, - деп чыгып кетти. Ордунда ойлонуп отуруп уктап кетти. Ошол күнү ал бут чечип төшөккө жатпады. Креслодо отуруп улам үргүлөп кетип ойгонсо эле көз алдына Акбари тартыла берип уйкусу деле тынч болбоду. Катуу уктап кеткен экен, көзүн ачса күн көтөрүлүп калыптыр, күн чайыттай ачык, эртең мененки салкын абага көңүлү сергий сыртка чыкты да сабагына барбай эле Акбаринин үйүнө жөнөдү. Келсе ал уктап атыптыр. Көздөрү киртейип азап чеккени көрүнүп турган апасын көрүп Бекмураттын зээни кейип кетти:

- Балам, сен деле кыйналдың окшойт, ушул жалгыз чырактай кызымдын айынан карып болуп оорукчан болуп баратам, кокус көзүм өтүп кетсе мунун абалы эмне болот деп ойлосом кирпик ирмебей таң аттырам. - Эне муңайып турду.

- Мен сизден Күкүнү кайсы врач карап атканын билейин дегем, балким дарылоо керектир…

- Аа-аа балам, мунун мээсине зыян көп тийген, ачык, так айта албайм, бирок үмүт бар деген. Канчалык деңгээлде экенин билбейм, ал турсун мээсине операция жасайбыз дегенинен макул болгон эмесмин.

- Эмнеге, балким айыгып кетмек?

- Жо-ок балам, коркунучтуу, адамды кыймылдатып турган мээ менен жүрөк да, операцияга бергенде болбойт!

- Мага ошол доктурдун аты жөнүн, дарегин бериңизчи, сүйлөшүп көрөйүн?

- Ма-акул балам, сүйлөшүп көр ушул кызымдын айыгып кетээр күнү кайда?

Бекмурат Борис Михайлов менен бетме бет барып жолугуп Акбаринин доктору менен сүйлөшүп көрдү. Ал Акбарини дарылоого деле болбосун айтып, так кесер жооп берди, болгону акырындык менен өзү жакшы болуп кетиши мүмкүн дегенге токтолду. Врачтан чыккан ал көңүлү абдан чөгүп үйүнө келди. Эртеси Беловодскиге барып ата-энесине үйлөнтө турган кызын көргөнгө жөнөдү. Алардын тапканы мектепти жаңы эле бүткөн кыз экен, өңү-түсү түзүк, бою узун ак жуумал кызды көргөн Бекмурат Акбарини унутуу үчүн үйлөнгөнгө макул болду. Ата-энеси колунда бар, абыройлуу кишилер экен. Убакыт өткөрбөй үйлөнүп алды. Анын аты Аймира экен. Бат эле тааныштардай көнүшүп кеткен менен: "Акбариге ушунун акылын берип койсо болмок экен, анын жанында бул жөн эле бир пенде да, анын периштедей өңүн көргөн адам боору оорубай койбос" деп улутунуп алат.

Үйлөнгөндөн кийин бир жумадай ата-энесинин маңдайында болуп окуусуна шылтоолоп баса берди. Келген эле күнү Акбаринин үйүнө барды. Аны көргөн Акбаринин сүйүнгөнүн айтпа:

- Ай-ий, келип калдыңбы, мен сени келбей калды го дегем, кетпечи ээ? - деп кадимки эле секелек кыздай апасынын көзүнчө анын моюнуна асылып алды.

- Ооба, кетпейм эми, тез-тез келип турам, сен апаңа жардам берип атасыңбы?

- Кантип? - Акбари кайра сурады.

- Минтип, - деген Бекмурат, столдун үстүндөгү чыныларды алып, сууга жууй баштады, - Кел, сен дагы жуу!

- Койчу, мен жууй албайм да?

- Минтип жуусаң, кел! - Акбари бир кезде анын колундагы чыныны алып жуумак болуп шапшып кирди. Жууганды биле албады. Ар кандай аракет кылса да майнап чыкпады. Анан ойлонуп отуруп апасынан:

- Авария болгон кезде алдыда отурган бекен же артындабы? - деди үмүттүү карап.

- Билбейм, алдында го дейм, болбосо башы тиймек эмес, атасы болсо рулда отуруп кабинага кыпчылып кабыргасы сынып, өпкөсүн, боорун тешип кетиптир.

Бекмурат бир кезде төрдө илинип турган сүрөттү алып келип Акбаринин жанына келди да:

- Бул ким? - деди сөөмөйү менен өзүн көрсөтүп.

- Албы, ал… - сөөмөйүн оозуна салып алды, - ал…ал апам! - колун чапкылап секирип атты: - мен таптым, ал апам!

- Жок, а булчу? - атасын көрсөттү.

- Аа-аа, аны тааныйм… ким эле? - апасына карады.

- Мен билбейм, сен тааныйсың го?

- Бул… билбейм, койчу мени жинди кылбай! - деп коюп бөлмөсүнө басып кетти, бирок негедир ойлонгондой басып баратты.

- Балам, Күкү чоочун кишилердин көзүнчө сүйлөбөйт, сага көнүп калгандыкы го, болбосо үйгө бирөө келсе такыр чыкпайт, эми ал алаксып калганда сен кетип кал, дагы кыйнап жүрбөсүн! - эне айласы кете Бекмуратты карады.

- Макул, мен эртең келем, апа буга сөзсүз өткөндөгүсүн эстетүү керек, ошондо эсине келүүсү мүмкүн.

- Таң балам, мен болсо өмүр бою үмүтүмдү үзбөй калайын, бирок үмүт бирде жанса бирде өчүп турат экен да? - Кейиштүү сүйлөгөн Батма аны эшикти акырын ачып узатып койду. Аңгыча Акбари бөлмөсүнөн чыга калып:

- Апа, мен таптым, ал атам да? - деп Бекмуратты издеп таппай калды, - Кана тиги?

- Ал анан келем деп кетти.

- Ай-ий, мен ага сүрөттөгү атамды тааныганымды айтайын дебедим беле? - деп эшикти көздөй жүгүргөндө апасы кармап калды, - Ал бая эле кеткен, анан келет.

- Келеби анан, келеби чын эле? - апасын ишенбегендей карады.

- Келет балам, келет, жүрү экөөбүз чай ичеличи, - деп Акбарини жетелей ашканасын көздөй басты.

- Мен чай ичпейм.

- Менин жанымда отурбайсыңбы, жалгыз кантип ичем? - Алдап атып столго отургузду.

Үч жылдан бери дал ушундай кыйноону тартып келаткан Батма кызынын кайра өзүнө келишинен үмүтүн үзүп койгон болчу. Азыр дагы аны ачуусу менен урушайын деди, бирок антсе баарын талкалап коёорун жакшы билгендиктен акырын айтып отурат. Кээде отуруп көз жашын мөлтүлдөтүп төгүп алат: "Аттиң, табышмактуу сырыңан айланайын кудай, чырактай кызды берип, кайра минтип койгонуң кайсы, жараткан?!" деп сыздап кетет. Акбари алаксый калганда тамак жасады. Ал негизи оорукчан болгондон бери таптакыр тамакка табити жок, бир чыны кант салган чай менен бир сындырым нан жейт да жүрө берет. Кээде баладай эле өзү менен өзү сүйлөшүп куурчактарын урушуп тилдеп, кайра өөп, өзүнчө каткыра берет. Бирок эки жакка чыкканда көбүнчө эч сүйлөбөй жүрө берет. Ал күнү эртерээк эс алгысы келген Батма жатып алды. Акбари ойноп жатып апасын карады. Ал жатып алганын көрүп сыртты көздөй жөнөдү. Сырткы эшиктин жабылганы угулганда Батма ордунан ыргып турду.

- Күкү, Күкү каякка? - жүгүрүп сыртка чыкса эч жакка деле кетпей тепкичке отуруп алыптыр. Ыйлап алган, - Күкү, кир үйгө, эмне бул жерге отуруп алдың? - Батма катуу айтып жетелеп кирди.

- Бекмуратты келет дебедиң беле?

- Кечигип жатат, келип калаар, бас үйгө!

- Отуруп турайынчы?!

- Кой дейм, карачы эшик караңгы, ал эми эртең келет.

Батма аны жанына жаткырып койду. Көпкө чейин уктабай тирмийип жатып анан анын уктаганын билгенден кийин гана ордунан туруп барып эшикти кулпулап ачкычты башына коюп алды.

***

Кадырбек кайра-кайра келип Алийманы бирге жашаганга көндүрө албай жатты:

- Жок дегенде бүгүн барып кел, - деп калды.

- Макул, бирок мен эртең келип соодага чыкпасам болбойт, - деген Алийма аны менен жөнөдү. Бул убакта Айдана айылга барам деп аткан. Бир жуманын ичинде даярданып, алчусун алды да жөнөдү, кызы менен. Аларды таксиге салган Алийма батирине келди. Күн түш ооп калгандыктан соодага чыкканы жок. Машинага курагын курап отуруп калды. Жалгыз, күндө бабырашып, небереси чулдурап аны эриктирчү эмес. Заматта ээн калганга өзүн жаман сезип кетти. Кадырбекти ойлоду. Бирок: "ал өзү келбесе барбай эле койойун" деген ойдо батиринде жашап соодасын жүргүзө берди. Ал соода кылып отурганда Сүйүнбек менен Тумар келип калышты. Алар:

- Бүгүн эс алмакпыз, жүрү сенин эле батириңе баралы, - деди Тумар шыпылдай.

- Ооба, бул жерде эми болбойт, жүрү, бир күнкү соодадан калсаң эчтеке деле болбойт го? - Сүйүнбек коштоду. Кыйылып туруп макул болду Алийма. Анан стол үстүн жыйнап сумкалары менен столун көтөргөнгө жардам берип үйгө жөнөштү. Келээри менен чай коюп, дасторкон жайды. Адегенде алардын алып келген бөтөлкөсүнүн оозу ачылды. Түндө өзү кууруп жеген боордон калганын ортого коюп денсоолуктар үчүн алынды адегенде, андан кийин дагы Кадырбек жөнүндө сөз болду.

- Ай Алийма, сен аны менен ойнош болом деп эле баары бир эрди-катындай болуп жүрөсүңөр, андан көрө үйлөнүп эле алгыла да? - деди Тумар кичине ичи ысый түшкөндө.

- Сен кызык экенсиң Тумар, мен балдарымды эч кимге көз каранды кылгым келбейт, анын үстүнө Кадырбекке чындап мен керек болгонум менен балдарым кызыктырбайт. Жалгыз балам бар, анын кыял-жоругу кандай болуп чоңойоорун билбейм, ошон үчүн өз кадырымды кетирбей эле тынч жүрө бергеним жакшы.

- Балага түшүндүрүп койсо болот да, мен сен эмесмин, а сен мен эмессиң, мен айта албайм.

- Алийма, мына кызың айылга кетип жалгыз калыпсың, ушинтип жалгыз жүргүчө экөөңөр үйлөнүп алганыңар жакшы го? - Сүйүнбек аны коштой кетти.

- Болбойт, эми күйөөнүн ашыкча жүгүн артынгыча балдарымдын эле түйшүгүн көтөрөйүн.

Улам бирден стаканды алдыдагы ийгиликтер, бала-чаканын амандыгы үчүн алып отуруп бир бөтөлкө аягына чыкты. Ошондо Алийма бөтөлкөгө чуркамак болду эле Сүйүнбек:

- Ой эмнеге убара болосуң, апкел алдагы самаштан эле, иче беребиз, - деп борсулдап күлүп калды.

- Силерди самогон ичпейби деп атпаймбы, - Алийма оңой кутулаарына кубангандай арыта турган эки литрлик желим бөтөлкөдөн шишеге куйду бир бөтөлкөгө чактап. Андан кийин кайра картошка кууруп ортого алып келди. Алийма дагы оолжуп кызып калган бул учурда. Ырдап киришти. Тумар баягы дежур ырын созуп Сүйүнбекке жөлөнүп көздөрүн сүзүлтүп сөөмөйүн чычайтып кирди:

- Түшүнчү жаным, түйшүккө салбай-ай,

- Аа-аа бирок кийин өкүнүп калба!

- Аа-аа бирок кийин өкүнүп калба! - деп бүтүп Алийманы карады. - Эми сен ырдап койчу ай, ушул өлүп кетсинчи ай, акыры өлөбүз, ойноп-күлүп алалы!

- Болуптур, - Алийма бир аз ойлонуп калды, анан тамагын жасап:

- Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,

Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.

Кечигип сен көрүнбөй калганыңда,

Ызама чыдай албай ыйлап жүрдү-үүм! - үнүнүн барынча заңгыраганда Сүйүнбек:

- Сен тим эле Черикчиевадай эле ырдайт экенсиң.

- Ананчы ай, мында баары бар, талант деген ушунда, баарын катып жатат да ичинде! - деп Тумар аны коштоду. Биринин артынан бири ичиле берип баягы ченеп куюп аткан Алийма эки литр самогондун да аягына чыгарды. Тигил экөө ордунан тура албай калышты. Эркек эмеспи, Сүйүнбек жер таяна туруп сыртка чыкты. Тумар:

- Ай Сүй-үн-бек, ме-ен-ни ту-летке ал-ып бар-чы, - деп ордунан туралбай жатып отурган жерине заара ушатып койгонун мас болсо да сезди белем: - Ал-ий-ма, ме-ме-ни кеч-ирр-ип ко-чу… - деп төрт аяктап турганда аны Алийма колтуктап сыртка чыгарды. Анын кийип жүргөн юбкасы сыгып алма болуп, сийдик шорголоп жүрөт. Алийма өзү этиеттеп ичкенге эс акылы ордунда эле:

- Тумар, карачы бул эмне кылганың ыя, кийизди же жууганга болбосо, өзүң деле кантип кетесиң, этегиңди карачы! - деди эңги-деңги абалда.

- Кеч-чир-ри-ип кой, - Тумар Сүйүнбекке сүйөнгөн бойдон короодон чыгып кетишти. Алийма кийизин дароо сыртка чыгарып суу төгүп жатканда Тумардын кызы келип калды. Он жаштардагы кызга Алийма:

- Ой апаң кетти азыр эле, мына бул жерге сийип койду, чоң эле кишинин сийдиги, жытын кара! - деди.

- Кечирип коюңузчу, ошончо ичип алган өзүндө да, сиз соо элесиз го? - деп кыз келген жолуна түштү. Алар кеткенден кийин Алийма эптеп төргө төшөк салып жатып алды. Бул убакта күн кечтеп калган. Эртеси башы ооруганга карабай товарын жайып ордунда отурду. Жолдон өткөн мантыдан алып термостогу чайынан ичти. Ага болбой башы ооруп, жүрөгү айланып кирди. Эптеп улам ысык чайдан айран кошуп ичип отурса Кадырбек келиптир. Ал келип эле:

- Алийма жүрү кеттик, мен жападан жалгыз калдым, аял болсо кетти, биздин жашообуз болбой калды, - деди жанына отуруп.

- Кызык, менин кызым келсе кайда барат, мен сенин үйүңө барып алсам алар эмне болот? - деди эле:

- Биз менен жашай берет, андан эмне эле кабатыр болуп жатасың? - деди Кадырбек.

- Сенин үйүңө киренди болуп кире албайм, ойноштун ойноштой өз жолу бар, биз ошол жолдон чыкпашыбыз керек, - десе да болбоду. Айласы кетип өзү да башы ооруп зорго турган Алийма бир литр самогонун, болгон акчасын, товары менен кошо көтөрүнүп Кадырбектин үйүнө жөнөдү. Батирин бекитип койду.

Турмушта: "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт", деген улуу сөздү ар бир эле адам учурунда ойлоп коюуга чамасы да келбейт эмеспи. Ошондой эле болду, мунун баарын чынында ойноп-күлгөн үмүт кыялдар, ичип алып эстен тана уктап калып, башы ооруганда кайрадан баш жазуу менен күндөр өтүп жатты. Албетте экөө эле эмес, төртөө. Көп өтпөй Кадырбек Алийманын жүгүн көчүрүп келип койду. Бирок али ойнош боюнча. Алийма да биротоло башын байлагысы келбейт. Эркектин ушунчалык жакшы көрүп турса да ачыкка чыгаргысы келбеген бир башкача мүнөзүн ушул күндөрдө түшүндү Алийма. Товар жок болгон. Калган каткан сигареттерин Кадырбек чегип бүттү. Ошентип ал дагы гезит-китеп көтөрүп сатканга киришти. Күндө соода кылып кайра үйгө керектүү оокат-ашты көтөрүнүп келет. Кээде ойлойт: "Эмнеге мен чоочун бирөөнү багышым керек, мен үчүн мунун эркектик эле милдетинен башка эмнеси бар?!" деп өзүнчө кыжаалат. Анткени күндө үч жүз сом соода кылса ошонун баарын соода кылып ичээрине арак, тамеки, эт, сүт, айран - койчу, ошонун баарын көтөрүнүп келет. Күндө тамак жасамай, кир да жууп кадимки эрди-катындын кызматын кылат. Бир күнү экөө түшкү тамакты бир бөтөлкө арак менен ичип отурганда Айдана келди. Аны көргөн Алийма өзүнчө уялып да алды. Анткени ушул убакка чейин: "мени көргөн кыз кайсыны табат, жолу ачылып калган неме бузулуп кетсе эмне кылам, ушул чоң шаарда" деп ойлоочу. Үйгө киргизип коюп нан ооз тийгизди да дароо эле өзү кошо чыгып, ага квартира таап киргизмекке жөнөдү. Кадырбек аны чогуу жашаганга көндүрсө да болбоду. Көнгөн жеринен батир таап эптеп жүгүн алып кетишти. Анча-мынчасы калды. Жашоонун адамга билинбеген сырлары көп, аны адам ойлобогон жерден азыркы сюрприз деп койчу жаңылыктар өтө көп болду. Баарын ичке катып жүрдү. Кантсе да өмүрүндө аял кишинин жанында жакшы сөз айтып, маңдайында отурган, түнкүсүн жарпын жазаар, эркектик милдетин аткараар бирөөнүн болушу негедир ага жөлөк болчудай сезилди. Ошол убакта Кадырбек экөө бири-бирин чындап сүйбөсө да мамилелери жакшы эле. Качан болсо кызуу абалда экөө жаштардай болуп ээрчишип ал турсун жетелешип, колтукташып алып баратканда Алийманын тээ бүлбүл тартып алыста калган жаштыгы кайрылып келгендей өзүнчө ак көңүлдүгү да бар. Ар дайым анын жаман эле жагын аңдыбастан жакшы жагын да көрүп, сезип эле турат. Же аялдар, эркектер экинчи жашоодо ошондой болуп калабы? Кечке соода кылып бутун тарталбай чарчаганына карабай кечинде рожки, салат, май, чай кылып көтөрүнүп келди Алийма.

- Кандай, соода жакшы элеби? - деп кечинде эсептешип продуктага кеткенин оюна да албай үңүрөңдөй кетти Кадырбек. Анткени гезит менен китептерди өзүнүн таанышынан карыз алып берип турчу. Тапкан пайдасы ошол алган майда-баратка жетпесе да ал үчүн Алийма күнөөлүүдөй сезип атты, - Бүгүн мына бул китептин эсебинен эки жүз жетпей калды.

- Эмне кылайын анан, кечээ тамак жасаганга май жок, же чай калбаптыр, ошолорду алып келдим, - Алийма күнөөлүүдөй үн катты.

- Болуптур эми, эмкиде кошуп коёбуз, - деди Кадырбек күңкүлдөй. Андан кийин деле талашуу-тартышуу көп жолу болду. Эрди-катындардай жашоонун кызык күндөрү өтө баштады. Квартирант алып калды. Аны дагы Кадырбек Алиймага айтып кеңешти эле эки кызды ээрчитип келди. Бириси болуп-толуп турган Жазгүл аттуу кыз, бири Рахат деген, экөө тең абдан жаш кыздар. Аларга да жумуш таап берем деп гезит саттыра баштады. Арасында качанкы эски гезиттер дагы бар эле. Алийма аз өтпөй Кадырбекке Рахатты алып берүү жөнүндө кызга айтты эле ал:

- Эже, менин атам менен эле тең экен, кантип болсун? - деди тарткынчыктай.

Рахаттын өңү-түсү көпчүлүк эле кыздардай болгону менен бир мандеми бар эле, саал сылтып басчу. Бирок анысын сездирбей шайыр жүрчү.

- Рахат, сен мени жаман көрбө, анткени мен анын аялы эмесмин. Жашыңа карайсың дечи, бирок аларды билесиң да, аз өтпөй эле балалуу болгондон кийин сүйдүм-күйдүм деп өпкө жүрөгүн чаап жүргөн аялын таштап кетип атпайбы?

Алийма аны көндүрүүгө бир топ эле аракет кылды. Ал дагы ойлондубу, макул болгонсуп калды. Анда-мында Кадырбектин белден ала кучагына орогонуна: "ий койуңузчу" деп назданганы менен, өтө секирип качканы байкалбады: "Төшөгүңө карап бутуңду сун" демекчи, Кадырбек өз абалын сезбей, Рахатка анча көңүлдөнбөдү. Анын көзү, ниети толуп-ташып, бой келбети келишкен Жазгүлдөн үмүт этет. Ал анысын байкаса да байкамаксан болуп Рахаттын ары жагына отуруп алат. Чынында Жазгүлдүн бою узун, жаңыдан бышып келаткан алма сымал мончоктой болгон кыз эле. Акылы да абдан жетик. Ата-энеси жашаялмет болуп: "чоңойдуң, эми өзүңдү өзүң бак" деп коё берген экен. Аз убактан кийин анын иниси да келди. Экөө кечке гезит сатышат. Кечинде дасторконго чогуу отурушат. Алиймага ошончо кишиге тамак жасаш деги кыйын болду. Бирок эки кыз кийинчерээк баарын өзү жасашчу болду: "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп бир күнү аларды күлүп жайнап тамашалап койгондон кийин алар өздөрү кезектешип баарын жасашчу.

Кадырбектин ой кыялы өтө бийик эле. Анын кыялданганынан эле Алийма абдан тажап кетчү. Ал кыялында бир офис алып ишкана ачып жанында бир сулуу кыздардын сүлкүлдөп кызмат кылышын элестетчү. Бирок ошого канчалык деңгээлде эмгек, акча керек экенин сезбеди, сезген күндө да күнүмдүк чыгашасын азайтпаса кайдан уланат деп ойлободу. Анын оюу менен Алийма бир таанышынан үч миң сом процентке алды. Бирок дал ошол кезде Кадырбектин кызы келип калды. Ал Алиймага анчалык каршылык кылбады. Мамилеси жакшы. Рахат менен Жазгүл иниси үчөө Кадырбектин кызы келгенден кийин көчүп кетишти. Ошентип алар иш баштамай болушту. Бирок алдыда толгон токой тоскоолдуктар турган эле…

Иштери жакшы жүрүп, Кадырбек өзүнүн кызы Жасминаны базарга отургузуп койгон. Бирок кызыктын баары ошондо болду. Так оптовый күнү аялы келет да, кызынын топтогон акчасын алып кетет көрүнөт. Аны тигил уккусу келбей Алийма менен урушчу болду. Ал эмес Жасмина ал жердегилердин көбүнө карыз болуп чыкты. Алийма процентке алган акчасын төлөмөк тургай эч нерсеси жок, ошондо да көтөрүнүп тамак-аш алып келет: "Өзүмчүл адамдан барынан жогу" деп жинденип алат. Сүйүнбектердин чыгарган гезити кичинекей "А4" болчу, көп өтпөй калып калган газеталар менен кошо арзан кылып сатып атса Сүйүнбек көрүп алып:

- Эй, эмнеге авторитетти түшүрүп арзан коюп алгансың? - деп корсоңдоп калыптыр, ансыз да жини келип жүргөн Алийма:

- Мен сага акчасын бергем, бул гезитти арзан сатамбы, айрып ыргытамбы, же ажатканага алпарып аарчынып коёмбу өзүм билем, ага сенин эмнең кетип атат? - деди.

- Ошентсе да, кызык сенин бул кылганың, биротоло бизди паска тээп атпайсыңбы?!

Алийманнын жаны кашайып:

- Сыйың менен эле жүрбөйсүңбү, эмне эле кыйын болуп атасың ыя, же сийгек катын алганга көөп калдыңбы?! - деп кыйкырганда ал ары басып кетти. Алийма жинденип көпкө чейин сүйлөнүп, анан өз ишине киришти. Кайрадан саат ондон кийин гезиттерин көтөрүп жер кыдырып жүрүп, кечинде баягы эле көрүнүш: Кадырбектин өктөмү ого бетер күчөп, күндө "эт алып кел" деп кыйнайт. Тобо-оо, кайдагы бир эркек үчүн тапканын төлөп берип, балдарына карабай коюш керекпи? Ошондой кантип болсун.

Аргасы кеткенде Алийма тигилер гезитин чыгарууга каражаты жетпей калганда өзү барып бир шылуунга айтып, эптеп чыгартып алды. Анткени тигил жагынан кызы менен аялы тартып, биягынан Кадырбектин кулкуну чоңоюп жатса кантет? Бара-бара уруш-талаш көбөйдү. Көрсө өзүмчүл адам менен иштешүүгө болбойт тура.

Ошондой күндөрдүн биринде гезитти чыгарып берген Үсөнбек деген жигит менен чогуу отуруп кызуу болуп калышты. Алийма кечинде Кадырбектин үйүнөн көзүн ачты. Чоочуп кетип кошелогун караса жок.

- Менин кошелогум кайда калган? - Алийманын биринчи суроосу ушул болду.

- Кайдан билем? - Кадырбек бурк этип койду.

- Кызык, сен жанымда эмес белең?

- Мен Үсөнбек менен кетип калганымды билбей да калыпмын.

- Анда экөөбүздү эки бөлүп акчаны алып коюшкан тура!

- Ошентсе керек, мен дагы билбейм, - Ошону менен сөз уланбады. Экөө тең баштары ооруп зорго жатышты. Эртеси Алийма: "Ой тобо-оо, адам деген эмне болуп калган, балким бул эле алып коюп билмексен болуп атабы, же мас кылып коюп тигилер алып койдубу?" деп ойлонуп атып ордунан турду. Ал Кадырбектен да көрдү. Кашелокто под реал алгандардын берген акчасы, бүгүнкү гезиттин акчалары болуп үч миңден ашык сому бар эле, кашелогу да жок калыптыр. Эртеси экөө жол киреси жок коңшусунан сурап алган он сом менен базарга түшүп кетишти. Гезитти токтотуп акчаларынын чогулганын карызына берди. Алийма базарда отуруп жүрдү. Ошол кезде Кадырбектин бир жакшы мамиледе жүргөн Жолчубек деген досу бар эле. Ал гезит чыгарып, офис алган экен, анын офисин куттуктап аш басып алып барып келишти. Билинбей бир күнү эле Жасмина келбей калды. Демек алардын банкрот болгону белгилүү да. Калган-каткан гезитти сатып күндө дагы тамак-аш көтөрүп жүрүп тажаган Алийма балдарына кетип калды. Эртең менен күндө базарга келет. "Кадырбек ооруп атат", деп, анын салам дубасын бири жеткирди эле ал түтпөй барды. Барса ал баягы көнгөн ордунда жаткан экен.

- Кандайсың, эмнеге келбей калдың, келип турсаң боло? - деди чын пейли менен.

- Келгенде өзүң билип атпайсыңбы, балдарымдын эле маңдайында болгонум жакшы экен.

- Аа-аа, чогулткан акчаң жетет да, эми мени эмне кылат элең? - Кадырбек кычаш сүйлөдү.

- Эмне, менин оокатым өтпөй калганда келдим беле, ушуну уялбай кантип айтып атасың?

- Актанбай эле кой, Кадырбекти сойдуң да, сойдуң!

- Оозуңа карап сүйлөсөң, кызың менен катының жайлады сени, ошого акылың жетип турат, бирок ошону менден чыгаргың келип жатабы?

- Алар эчтеке кылган жок, баарын сен кылдың!

- Кудайга койдум! - Алийма эшиктен чыга берээрде Кадырбек жетип барып кармап төргө карай алып ыргытканда столго жабыша түштү, - Эмне кылып атасың, уятың барбы, мен сенин алып койгон аялың белем?

- Төлөп бер! Небереңе марожний алып берген жоксуңбу? - дебеспи.

- Эмнени? Ошол кичинекей кызга атаандаштык кылсаң акылыңдын жоктугу.

- Акчаны!

- Эч нерсе бере албайм, жокту кайдан берем?

- Бар! - Экөө көпкө акыйлашып атып Алийма канчалык кетмек болсо да кетирбеди. Бир убакта болбой эле эшикке чыкмак болгондо ал аны желкеге коюп жибергенде "ык" дей түшкөнүн бир билет. Өзүн жоготуп, деми чыкпай барып анан зорго эс алды. Аны арамзаланып атат деп Кадырбек сөгүп кыйкырып, өкүрүп атканда иниси келип калды.

- Эмне болуп кетти? - Ал Алийманы карады эле, ал ыйлаган бойдон эчтеме дебеди.

- Өзүбүзчө! - Кадырбек бурк эткенде Алиймага жан кирди.

- "Өзүбүзчө" дегендей мен сенин алып койгон аялың белем, менден эмне зыян тарттың, ичериңе аш болду, кийимиңди таза жууп, үйүңдү үйдөй кылдым, дагы эмне кылышым керек эле?

- Болду, арыз-арманыңды бул чечпейт, мен чечем!

- Сен чечкидей кимсиң ыя, эгерде дагы кол көтөрсөң милицияга берем, жолумду тоспо! "Небереңе марожний алып бердиң" дейсиң, мен балдарым үчүн баарын берем!

- Ушунуң уят эмеспи, баягы кыялың кармап калган тура, дагы таз кейпиңди кийгиң келип калган го. Бара бериңиз, мен өзүмчө сүйлөшөм! - деди иниси. Анткени иниси көп жолу келип, анын үйү тазаланып, тамак-ашы жасалып, Алийма анын кийимин таза жууп галстук тагып ээрчитип жүргөнүн далай эле көргөн. Адам дегенде эки аяктуунун баары адамга киргени менен, адамдын чыныгы адам экени дал ушундайда билинет экен. Кадырбекке окшогон түшүнүксүз бирөө болбосо: "чын эле сен болбосоң кайдан банкрот болот эле" деп былжырабайт эле да. Алийма ыза болгонунан жолдогу элди көзүнө илбей баратты: "Убалым жетсин Тумарга, ал болбосо бул балакети жок эле жүрбөдүм беле?" деп ызасы тарабай кетип атты. Эми Кадырбектикинде калган бир аз буюму бар эле, аны албай койойун десе керек.

Ошол бойдон базарга да барбады. Камерадагы гезиттерди ойлогусу да келбеди. Көңүлү калды баарынан, кимге айтат арманын, айтканда ким угат? Акыры буюмдары керек болуп, жеңилдерин көтөрүп келүүгө анын үйүнө барды. Барса Кадырбек ооруп жатыптыр. Баягы кейпи. Мусор салган кичине көк чаканы такай жанына коюп алып түкүрүнүп-какырынып жаткан экен. Алийма киргенде ал башын көтөрө:

- Келдиңби, сени келип калабы деп күтүп аттым эле… - деди бир башкача боор ооругудай түр менен.

- Келдим, буюмдарымды алып кетпесем, керек болуп атат.

- Эмне, кайра кетесиңби?

- Кетпегенде эмне кылам, сени банкрот кылгандан кийин эмне керегим бар сага? - Алийма кекээрлей үн катты.

- Койчу эми, унутчу баарын, ошондой стрессте турганда сөз чыга берет экен да?

- Ооздон чыккан сөз жүрөккө жетет, ооруган жүрөктүн дарысы жалгыз болуу экен. Же сенде тыйын жок, же менде жок, же процентке алган акчамдын дайны жок, базар ичине кире албай калдым, базарда калган гезиттериңди да алалган жокмун, алдыңбы сен?

- Алдым, бирок анын көбү жок, чачылып жатыптыр. Алынгандан калганын эптеп килолоп өткөрүп койдум. Эмнеге жаңыларын убагында алып сатып койбодуң?

- Эмнеге алам, сенин ошол уу сөздөрүңдү угуп дагы жүзүңдү көрүп атам да? - Алийма улутунуп алды.

- Батирден көчүп кетипсиң, барып таппай калдым.

- Көчүп кетпегенде.. Кой, мен жарыкта кетейин, - Алийма туруп өзүнүн чоң пакетте турган буюмдарын алып эми жөнөй бергенде Кадырбек ордунан тура калып:

- Койчу эми, бүгүн кетпей эле койчу? - жалооруй колдон алды.

- Болду Кадырбек, мен эми бир мүнөт да тура албайм!

- Койсоң эми, мен жаман болдум, сага жаман айтып алып, кечирип кой, кетпечи, кетпей эле койчу?! - деп атып жыгылып кетип баратат. Аны көргөн Алийма чоочуп кетти.

- Эмне болду? - Өйдө кылып кроватына алып барды, - Тынч жатчы, ушунча ооруп атасыңбы?

- Ийи, - деди эс алгандай түр менен, - Ооруп атам, кетпей эле койчу, Алийма?!

- Мен кетпесем болбойт, үйдөгүлөр күтүп калат, Айдана жумушка чыкса мен Жайнаны карайм да.

- Суранам, кетпечи! - Эси оогондой дагы жатып калды. Алийманын айласы кетти: "чын эле ооруп атса кетип калганым болбос, бирдемеси болсо тамак жасап берип койойун" деп ойлоп шымаланып ар жак, бери жагын караса эч нерсе жок. Унчукпай отуруп калды. Бир кезде аны түшүндүбү, Кадырбек өзү туруп кийинди да коңшусунун камогунан картошка, жүз грамм май, пияз рожки алып келди. Ошондо Алийма: "күндө талаадан таап келип аткансып эт жегендин азабын тарткан экенсиң, чала болот, адамдын кадырын билбесең мындан да жаман болосуң" деп ойлоп, алып келгендеринен тамак жасады. Экөө отуруп тамактанды. Ортодо сөз уланбады, кокустан сөз козголсо эле сен кылдың, мен кылдым деп экөө дагы ызылдаганы турушат. Ошону сезгендей бири да үндөбөдү. Көптөн кийин гана Кадырбек Алийманы карады:

- Каерде жашап атасыңар?

- Заводскойдо.

- Жакшы элеби?

- Жакшы эле, өз үйүң болбогондон кийин баары бир, күнүмдүк оокат өткөргөнгө болот.

- Алийма, бул короонун ичине катарынан үй салганы жатам, бирөөнү сага салам, келип жашай бер, калганын батирге берем.

- Сала берчи, көрөбүз да, - деп койду Алийма: "ушул сенден алыс эле болгонум жакшы, бирөөнүн короосундагы менен батирдин кандай айрымасы бар, баары бир көз каранды болот эмесминби?" деп ойлонуп алды да, - Темирбекке да бекер бир бөлмө салып берем деп жүрбөдүң беле, ал келип атабы? - деди.

- Ой ал да жоголгон, каерден карыз алышын билип, сооданын жолун таап алды, эми ага менин керегим эмне? - Кадырбек кейиштүү айтты. Бирок адам менен иштеше албагандан кийин: "оро албаган ороктон көрөт имиш, эби жок экен, болбосо орокту укмуш орот элем деп", анын сыңарындай адам менен иштеше албагандан кийин бирөөнү эмнеге жамандайт деп ойлоп койду Алийма.

- Балким иши жакшы болуп кетпегендир, анын үстүнө сенде эчнерсе калбай калды да, жашагысы келет да ар ким.

- Мейли, эки кызды деле аябай эркелеттим эле…

- Алар Жасмина келгенден кийин кетти го, болбосо кетмек эмес, Рахатты болсо ата-энеси жибербей койду окшойт.

- Ошенткен го, анын мага көңүлү бар эле, аа?

- Бар болгон менен сен башкадан үмүт этип туруп албадыңбы, ойлосоң, Жасминадан бир жаш эле улуу экен Жазгүл, анын үстүнө эч жеринде мандеми жок көөп турган кыздын ою бийик да?

- Ошондой болду, - деди айласы куругандай. Ошол бойдон үндөбөй калышты.

Бекмурат айылга келип келинчегине деле анча көңүл бурбады, жаш дене, ойносо оюнга тойбогон келин күйөөсү келгенге жүрөгү элеп-желеп болуп кеч киргиче улам күйөөсүнө жалт-жалт этип карап коёт. Анткени үйлөнгөндөн бир жумадан кийин эле окуусуна кетип калган эмес беле: "мени сагынгандыр, ата-энесинин көзүнчө ал да уялат да" деп ойлоп атты. Бирок кечинде төшөккө жатканда деле анча бериле бербеди.

- Бекмурат, - деп келип колтугуна башын катып, - Мен сагындыңбы?

- Ийи, - деп коюп колун артып жаткан жаш келинчегин карап жатып алып Акбарини ойлоп атты: "Ошол бойдон калып калабы? Неге, неге ал менин көзүмө көрүндү, неге мени жолуктурдуң жараткан?! Ал азыр чындаса мени жакшы көрөт, бирок эч нерсе түшүнбөйт, анын жандүйнөсү таптаза жаш баладай, гүлдөй назик, чексиз ааламдай кенен, жамандык, куулук менен иши жок, байкушум ай, ушунун ордунда сен жатсаң, кумарым канбай, күндүн кантип батканын, таңдын кандай атканын сезбей калат элем го, эми менин жашоом өкүнүч, сагыныч, эңсөө менен өтөт го?" деп үнсүз жата берди.

- Уктадыңбы? - Аймира акырын шыбырады. Ал күйөөсүнөн эмнени үмүт этип жатканын анын жүрөгү сезип, туюп турган менен эч нерсе дебеди. Унчукпай анын чекесинен өөп коюп унчукпай ойлуу жата берди. Күйөөсүнүн кучагында жаткан келин болбой эле, - эмнеге унчукпайсың, чарчадыңбы? - деди башын көтөрө.

- Ийи-и, чарчабай анан, жүрөгүм чарчады.

- Эмне, жүрөгүң ооруйбу?

- Ооба ооруп турат, - деди да оодарылып жатып алды. Жаш келиндин ызасы келип ал дагы ары карап жатып алды. Аттиң ушул кезде келиндин эңсегени башка эмес беле, күйөөсүнүн карылуу кучагы, эркелетип өпкүлөгөн шыбыры, өзүнүн эркелегени, баары бүткөндөй ары карап ыйлап алды: "балким шаарда сүйгөн кызы бардыр, анда мени неге алды, ата-энесинин көңүлүн кыйбай эле үйлөнгөн го, неге анда менин убалымды ойлободу?! Акыры жүрүп анысына кетсе мен күйөөсү карабай кеткен дедирип кала берет экемин да?" деп солкулдап ыйлап атты. Анын ыйлап жатканын байкабай жата бермек, бир кезде анын ийиндери, бүткөн бою солкулдаганын төшөктүн кыймылдаганынан сезип калды Бекмурат.

- Эй, сага эмне болду? - деп бери оодарыла калып Аймираны ийнинен ала өзүнө каратты, - Ой секелек, сага эмне болду, менин башым ооруп атканынан эле… - деди да бекем кучактап бети-башынан өөп, сооротуп жатты, - Жинди десе, мен эле сени сагынбай койду дейсиңби, - деп кара күчкө аны эркелете чачынан сылай, - Сени сынайын дебедимби, мени канчалык сагынганыңды, - деди эле ал:

- Жалган, сенин башка сүйгөнүң бар окшойт, болбосо минтпейт элең, - деп агынан жарыла солуктады, - Сүйгөнүң болсо мага үйлөнбөй эле койбойт белең?

- Койчу алтыным, менин сенден башка эч кимим жок, "окуу, окуу" деп эле жүгүрүп жүрмөй.

- Ооба, калп, андай болсо баятан бери неге ары карап жаттың?

- Айттым го? - Бекмурат ачууланып урушуп койгусу келген менен жаш келинчегин аяды: "мында эмне күнөө, менде күнөө, көнүп кетээрмин дебедимби, чын эле убал-сообун ойлоп үйлөнбөй эле койсом болмок экен, мен Күкүнү унута албайт окшойм" деп дагы ойлонуп калганда:

- Эмнени ойлонуп атасың? - деди дагы Аймира.

- Ыя, - эмне дээрин билбей калган Бекмурат, - экөөбүз эки жакта болбой окууну таштап эле койсомбу деп атам, - деп калп айтып ийди.

- А сени жакшы ырдайт дешет го, мен го уга деле элекмин.

- Айтса, демек чын да? - деп дагы келинчегин бекем кыса өөп койду, - ырдап берейинби?

- Койчу, атамдар укса эмне дейт? - Келин ыйбаа унчукту. Бирок азыр жаш келиндин күйөөсүнөн күткөнү такыр башка болчу. Ал деле сезип турат, бирок такыр көңүлү жок. Алаксытып ар кайсыны сүйлөп кучактап жата берди эле, акыры уйку деген азгырыкка жетеленгенин билбей калды. Анын жанында өзүн сенек болуп калгандай сезди Бекмурат. Эртеси эртең менен туруп атасына жардам берип жүрдү. Кечинде кайра төшөккө жатканда ал келинчегине өзүнүн аял менен болууга жарабай атканын айтты.

- Эмнеге? - деди келин чоочулай, - Бая күнү эле жакшы эмес белең?

- Билбейм, ошого да ойлонуп жаман болуп атам. Же ойлоно бергендикиби, эми барганда доктурга көрүнбөсөм болбой калды, - улутунуп койду. Чынында аны башка күйүт эзип аткан эле.

- Көрүнсөң көрүн, - Келин ойлуу жатып калды. Ар кандай ойлорду ойлонду, ишенбей да турду: "кантип эле, бая күнү эле…" деп ойлосо ичи күйөт. Бирок өзүнө жасаган мамилесинен күмөн саноого болбой, аны текшерүүгө күч кубаты жетпеди, уялды. Бири-бирине көнө электиги аны абдан тартынып турду: "Мейли, көрүнүп келсе анан.". деп ойлоп жатып дагы уктап кетти. Кечээгидей ага асыла бергенин койду: "көп ойлонсо ооруп калбасын, тынчын албай эле койойун" деген ойго токтогон эле. Бекмурат: "алдаса болот жаш башты деген ушул тура, байкушум ишенип калдың ээ?" деп терең дем алып алды да жатып калды.

Эртеси эрте туруп колуктусун сылап-сыйпап өөп коюп коштошуп шаарга баса берди. Окуусунун бөлүмүндө отуруп деле Күкүсү жөнүндө ойлоп жатты: "Эмне болду экен, мени күтүп апасын кыйнап жатабы? Же мени ойлогон да жокпу, кыскасы жакшы жүрсө эле болду", деп көкүрөгүн тээп турган жүрөк күйүтүн үнсүз улутуна сыртка үйлөп алды да агасына барды. Анын машинасы бар эле. Анын эмне ойлогонун ким билсин, машинасын сурап алды да Акбаринин үйүнө келди.

- Кандай апа, жакшы турасыздарбы? - деди ал эшикти ача берген Батма энени көрүп эле.

- Жакшы балам, өзүң жакшы элесиңби, окууларың жакшыбы?

- Баары жакшы, Акбари кандай?

- Жакшы эле… - деди эне чарчагандай үн менен.

- Апа, ал ким? - Акбари бөлмөсүнөн чыга калып Бекмуратты көрүп эле бир азга кайдан көрдүм эле дегендей туруп калып анан, - Ай-ай, сен келдиңби? - деп жүгүрүп келип Бекмураттын мойнуна асылып калды.

- Кантет, ой Күкү, келген конокко ошенткениң кантип болсун? - Батма эне кызынын жоругунан тартынгандай үн катканда ал шарт колдорун тартып алып томсоро туруп калды:

- Эмне болот, бул менин досум да? - тултуя сөөмөйүн оозуна салып ары карады.

- Күкү таарынба ээ, эч нерсе болбойт, биз доспуз да, - деп Бекмурат айтканда бурула берип кайра кучактады. Эх аттиң, ушул кымча бел назик, таза сезим селкини өз көңүлү менен кучагына кысты, эч жасалмасы, атырдын жыты жок, таптаза кыздын жыты жүрөгүн элеп-желеп кылып турду, - жүрү экөөбүз ойноп келебиз? - деди ал кызды карап.

- Ур-ре, апа ойноп келейинби? - деп кубанычтуу көздөрүн жайната апасын карады эле ал үнсүз гана башын ийкеп коюп кызынын бактылуу болуп турушуна жүрөгү ооруй: "атаңгөрү-үү кадимкисиндей болгондо ушинтмек кайда, бул да болсо кудайдын кылганы, көтөрбөскө чамам жок да-аа", деп ичтеги арманы көк түтүнү буркурай ашканасына кирип кетти. Акбари өзү ошондой оорулуу болгону менен абдан боорукер, анан көңүлүнө жакпаган адам менен такыр сүйлөшчү эмес. Ушул жигитти жанындай көрүп, кийинки кездерде аны кадимкидей келбесе апасынан сурап, күтө берчү болгон. Балким анда дагы билинбеген сүйүү сезими болсо керек, анан экөө билдиби же билбедиби азыр экөөндө тең кызды аяган гана сезим күчтүүрөөк эле.

- Келгиле Күкү, чай берели конокко, - деп эне ашканадан үн салганда Акбари аны колунан жетелей ашканага алып кирди. Анын апакай назик колдору Бекмураттын жүрөгүн ток ургандай зырп эттирип ичтен кубаныч сезими ээликтире ушул азыр кыз менен белгисиз жакка, алыс-алыс жактарга кете берүүгө даяр болуп турду. Экөө жетелеше кирип катар столго отурганда эненин жүрөгү да сайгылашып алды: "Аттиң, өзүндө болгондо ушул жигит менен жетелешип бактылуу болсо менин да көөнүм тынч болбойт беле?" деп дилинде кызынын дени сак кезин элестете колундагы жасап аткан ишинен алагды боло берди.

- Апа, мен Акбарини машина менен ойнотуп келейин, уруксат бериңиз? - деди Бекмурат Батма энеге карап.

- Балам, Күкү сага көнүп алса сен жокто менден сурай берип кыйнап ийчү болду, ушунчада сен буга келгениңди токтотпосоң болбойт го, баары бир өмүр бою минтип жүрө албайсың, - эне муңайым Бекмуратты карады.

- Апа, Күкү жакшы болуп кетет, көрөсүз го, мен анын өткөнүн эске салууга аракет кылам, ошондо ал кадимкидей болуп кетет!

- Оозуңа май садага, ушул чырагым өзүндөй болуп кетсе гана жараткан жар болуп, тилегиңди кудай берсин, - эне көз кычыгына келе калган жашы муунтуп каргылданып кетти, - Кудай өзү шыпаасын берсе кана?!

- Эч ойлонбоңуз апа, мен түбү айыктырам! - Бекмурат Акбариге карады, - Кана Күкү, кеттикпи?

- Ур-ре! - Акбари жаш баладай алакан чапкылап, так секирип алды, - Бакка барабызбы?

- Ооба, - Бекмурат кыска гана жооп берип сыртка чыкты да машинанын адегенде алды жагына Акбарини отургузуп эшигин жапты да өзү рулга отурду. Жай жылган машина чоң жолго чыгып андан машина көп өтчү Совет көчөсүнө чыкты. Кыжы-кыйма машина, бирде суюла түшүп бирде светофорго келгенде өзүнчө боло калып бир топ жерди кыдырып Бекмураттын оюнда: "Акбариге дал ошол авария болгон учурду эсине салсам кандай болоор эле, ошондо бир эсине келиши мүмкүн, бул катуу чоочуган, ошону ордуна келтириш керек", - деп атып жанаша келген машина менен кагыша түшкөндө чоочуп кетти. Акбаринин көздөрү чакчайып:

- Болду, токто, токто! - дегенде дагы ылдамдыгы катуулап алдыга жүткүнүп барып дагы бир машинаны сүзгөндө "тарс-турс" деп барып токтогондо Акбари калтырап-титиреп Бекмуратты кучактай "апа-аа!" деп катуу чаңырып алды да, эсин жоготуп койду. Машинанын ээлери туш-туштан Бекмуратты демитип киргенде ал милиционерге кайрылды эле, алар өзүн билбей сулк жаткан кызды шашылыш алып жөнөштү. Бекмураттын агасы инисинин машина сүздүрүп алганын угуп бөлүмгө жетип келип штраф менен эки машинанын чыгымдарын төлөп берип алып кетти. Күнөөлүү болуп отурган Бекмурат оюнан Акбарини чыгара албай түнү менен бушайман болуп чыкты. Эртеси тез жардам бөлүмдөрүнө чалып анын кайсы ооруканада экенин билди да, ага жетип келди. Акбарини жеткирген милиция кызматкери анын алдында эле гүл көтөрүп келип кеткен. Кыздын тумбочкасында бажырайган гүлдүн турганы анын жүрөгүн "зырп" эттирип алды. Акбари өзүнө келип көздөрүн жумуп жаткан эле. Жанына келип кроваттын четине отурган бейтааныш жигитти көрүп чоочулай бүткөн бою жыйрылды.

- Сиз кимсиз? - ал кабак чытый сурап койду.

- Күкү, акыбал кандай, апаң да кабатыр болуп аткан чыгаар, мени кечирип кой…

- Сиз кимсиз деп атам? - Акбари үнүн бийик чыгара сурады, - Мен сизди тааныбайт экемин!

- Койчу Күкү, экөөбүз машинада келатып… - деп баратканда Акбари:

- Мен сизди билбейм, кудай жалгагыр, - деди башын ары бура.

- Кантип? - Бекмурат аны таңдана карап көзү караңгылагыдай абалга келди, - Мени тааныбайсыңбы?

- Сиз кызыксыз го, бирөөнө адаштырып атат окшойсуз, ансыз да башым ооруп турат, мени жайыма койуңузчу?!

- Кызы-ык… - Бекмурат ордунан туруп баратып кызды дагы бир ирээт карап койду, - Чындап эле мени тааныбай калдыбы? - деп ойлоп врачка жолугууга кабинетине кирди:

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык жигит, кел!

- Келдим агай, жанагы төртүнчү палатадагы кыздын абалын билейин дедим эле…

- Аа-аа, ал кыз жакшы, эч жеринде жаракат жок, болгону корккондон өзүн жоготуп койгон.

- Ооба, ооба, билем дечи, бирок ошол машина менен кетип аткан мен элем, ал мени тааныбай жатпайбы, ал эмнеси? - Бекмурат врачты үмүт менен карады.

- Андай болушу мүмкүн эмес, ал жөн эле өзүн жарым саатка жоготуп койгон.

- Агай, мен сиз менен ачык сүйлөшөйүн, бул кыз үч жыл мурун атасы экөө кетип атып авария болуп ошондо өзүн билбей, жаш баладай болуп калган экен, атасы ошол жерден каза болуптур.

- Аа-аа, андай болсо… - врач ойлонуп калды, - Андай болсо…

- Мен ошону эсине келтириш үчүн кандай аракеттерди жасабадым, кыскасы мен ал кызды сүйөм, эми келсем сиз кимсиз десе жаным кашайып, таң калып да отурам.

- Ал туура, ал ошол кезде эмне болгонунан кабарсыз да, уктап ойгонгондой кеп да, сен эрдик жасаган экенсиң жигит, ушул татынакай кыз ойгелди болуп калса кандай өкүнүчтүү?

- Өкүнүчтүүсү өкүнүчтүү деңизчи, бирок ушул бойдон мени карабай кетеби?

- А сен аракет кыл, ошондой күндөрдө болгонду кайтала, ошондо өзү эстейт да, сени тааныйт.

- Рахмат агай, мен апасына барайын, кечээ үйүнөн алып кеткем, ал кабатыр болуп атат го? - Бекмурат ооруканадан чыгып сарсанаа болуп Акбаринин үйүнө келди. Ал келгенде Батма эшикти ачып эле:

- Күкү кана? - деди, өңү түктөйүп коркуп аткандай түрү бар.

- Коркпоңуз апа, ичке кирейин, сүйлөшчү сөз бар, сүйүнчүңүз болсо кубанычтуу кабарым бар! - деп Бекмурат энени эркелете мээримдүү жылмая далыга таптай ашканага ээрчий кирди.

- Ээ айланайын, адегенде кубанычтуу кабарыңды айтчы, түнү менен ойлонуп уктабай чыктым.

- Кеп мындай апа, - Бекмурат аны өз апасындай эле апалап сүйлөп атты, - Кечээ биз бул жерден чыгып кетип баратып: "Мурдагы аварияны буга элестетип, эсине салышым керек" деп ойлоп кетип атып чындап эле эки машинаны уруп алдым.

- Ээ кокуу-уй, дагы эмне дейт, Күкүм…

Бекмурат жүзүнөн кабатырланып калган энени жайгарып болгонун айтып берди:

- Эң кызыгы апа, бүгүн барсам Күкү мени тааныбай жатпайбы?!

- Ээ кудай, айланайын кудай, аксарбашыл айттым, ээ кудай!!! - деген эне өзүнүн ыйлап отурганын сезгендей көзүнүн аккан жашы жамгыр болуп эки бетин жууп турду, - Ушунуң чынбы балам?

- Чын апа, жүрүңүз экөөбүз баралы, көрүңүз, - деп энтелете энени шаштырып жөнөдү.

Алар келгенде Акбари уктап жатыптыр, Батма кайра чыгып анын өзү бала кезде жакшы көргөн тамагынан атайы бир столовойдон алып келе калды: "ай жараткан, ушул чын болсо экен, өзүнө келип калса кана, Бекмураттай күйөө балам болсо, балалуу болушса үйүм базар болуп турса" деп сүйүнгөнүнөн элеп-желеп боло жетип келди. Келсе Бекмурат сыртта туруптур.

- Ойгондубу?

- Ооба… - Бекмурат сабыры суз унчукту, аны көргөн эненин заматта шаабайы сууп: "каап, кайра эле мурункудай болуп калса керек", - деп ойлоп койду да эшикти ачып кирип барды.

- Күкү, кандай кызым, жакшы болуп калдыңбы садагам, берекем менин, - эне кызын маңдайынан, чачтарынан өөп жатты: "байкайынчы" деп ойлоп анын жүзүнө тигилди.

- Апа, атам келген жокпу? - Акбари апасын ойлуу карап сурады, - мен экөөң тең келет деп ойлоп атпадым беле?

- Ыя?! - эненин колундагы банка жерге түшүп кетти, эмне болгонун өзү да сезбей калды, - Эмне дедиң, кызым?

- Сизге эмне болду? - Акбари кроваттан өйдө болуп апасын кармай калды, - Атама бирдеме болдубу?

- Жок, жок берекем, мен куруйун, жөн эле… деп кызын кучактап алып буркурап ыйлап атты. Банка жерге түшүп тарс дей түшкөндө чоочуп кеткен Бекмурат кирип келген эле, ал делдээ эне-баланы карап тура берди. Акбари да ыйлап аткан экен. Көптөн кийин эне кроваттын четине отуруп кызынын чачынан сылай, - Садагам менин, сенин ушунуңду көрөмбү дедим эле… - деп көзүнүн жашын аарчый Бекмуратты карап, - Кел балам, бул менин кызым, аты Акбари, өзүбүз Күкү дейбиз, - деп эч нерсе болбогондой кызына күлүп карады.

- Менин атым Бекмурат, - колун сунду, кыз колун суна апасына таарынгандай көз кыйыгынан карап: "бул ким эле?" дегендей болду.

- Күкү, бул менин алыскы таекелеримдин баласы, көптөн бери катышпай калдык эле, эми катышалы деп келиптир.

- Ий-ии, - деп койду Акбари. Ошондон кийин эч кимиси сүйлөгөн жок, аңгыча сестра келип:

- Врач кирет, сиздер чыгып туруңуздар, - деди эле Батма эне менен Бекмурат коридорго чыгышты. Врач кирип келатып Батманы карай:

- Сиздин кызыңызбы? - деди.

- Ооба айланайын, - Эне саал тарткынчыктай жооп берди.

- Жакшы-ы, кириңиз! - деп эшикти ачып Батманы киргизди да өзү артынан кирди, - Кызыңыздын абалы жакшы, кечээ машина кагышканда өзүн коркконунан жоготуп койгон, азыр үйүңүзгө бара берсе болот, - деди да Акбариге карап, - Кандай сулуу кыз, акыбал жакшыбы? - деди жанына отуруп, - Кана, колду берчи?

- Жакшы, - Акбари колун сунду.

Врач кыздын эки колунун тең тамырын кармап көрүп:

- Эми үйүңө бара берсең болот, көп эле апаңды коркута бербе! - деп жылмайып койду, - Сен үйүңө даярдангыча бир аз күн ичип тура турганга дары жазып берем, сөзсүз ичип тургун.

- Макул, - Акбари үнүн пас чыгара жооп берди. Врач чыгып кетти. Ал даярдангыча Бекмурат нелерди гана ойлободу: "Мен бул үчүн дубана болуп жүрсөм, мени сүйбөй коёбу, балким сүйгөнү бардыр, чындап эле эмгегим талаага кетеби?" деп ойлоп алып кайра: "Мейли сүйбөсө, адам катары бир бечарага жардам көрсөткөнүм болсун, жок дегенде апасы кайгырбай көңүлү тынсын" деген тыянакка келип бирок жүрөгү тыз этип алды: "Мен сүйүүмдөн айрыламбы?" Ошол учурда Акбари палатадан чыгып келатып апасына:

- Апа, ушул кейпим менен кантип көчөгө чыгам, бир сыйра кийимимди ала келсеңиз болмок экен, - деди.

- Балам, шашып да калдым, коркуп кетпедимби, анын үстүнө бүгүн эле чыгара койоорун билбедим.

- Мейли, - деп койду Акбари.

- Жапжакшынакай эле жарашып турат го? - Бекмурат сөзгө аралашып койду. Акбари аны бир карап тим болду. Врачтын жазган рецебин сестра алып келип берди эле алар сыртка чыгышты. Бекмурат дароо бир такси жалдап келе койду да, үчөө отуруп үйүнө келишти. Бекмурат ал жерге келгенден кийин үйүнө кетмей болду. Акбари үндөбөдү. Батма эне чебелектеп чай ичип кет деди эле ага болбоду. Ансыз да Акбаринин өзүн тоготпогондой мамиле кылганына ичинен бушайман болуп турган неме бир азга болсо да ээн болгусу келди.

- Жакшы калыңыз апа, жакшы кал Күкү? - деди ал атайылап өз атынан айтпай. Ал чыгып кетээри менен Акбари апасына карап:

- Тайкеңиздин баласы болсо эмне экен, кылтыйып эле мени карайт да? - деди жини келгендей.

- Кой балам, антчү эмес, - деген Батма эне: "эми эле баарын айтканда болбос, дагы жакшы боло түшсүн, баарын айтып түшүндүрөм", деп ичинен ойлонуп алды. Акбари чындап эле өзүнө келгендей, баягынын бири жок, токтоо, көп сүйлөбөйт. Апасын карап алып:

- Мынча эмне карып кеткенсиз апа, менин эки-үч күн ооруканада жатканыма ушунча санааркадыңызбы, атам жумушунан келсе мени көрүп сүйүнөт го ээ, апа? - дегенде отурган жеринен туруп кызын кучактаган эне кармана албай:

- Каралдым, атаң жок, андан айрылып калганбыз! - деп жиберди.

- Апа! - Акбари нес болгондой туруп калды. Батма коркконунан ала келген дарыдан ичирип жиберди, - Эмне кылайын балам, айтпаска болбой калды, дагы кудайга шүгүр, сенин аман калганыңа, бул дүйнөдө жалгыз калып кала жаздадым…

- Апа, - Акбари эми билди атасынын өлгөнүн, соолуктап ыйлап атты.

- Кой балам, өзүң зорго жакшы болдуң, көп ыйлаба, атаң, бейиши болгур, ошентип бизди таштап кетти.

Акбари мостоё отуруп калды. Көр тирлик жөнүндө сүйлөшүп анан:

- Балам кичине жатып эс ал, жакшылап өзүңө келбесең кесел болуп каласың, ырысым бар экен, кудайга тобо, минтип маңдайымда отурасың, - деп кызын саамайынан сылай өөп койду.

Эки-үч күнгө чейин Бекмурат агасынын үйүндө окуусуна да барбай жатып алды Ага-жеңеси: "эмне болду сага, ооруп атасыңбы?" десе: "ооба, бүткөн боюм бүт ооруп атат" деп койду. Анын жүрөгү ооруп атканы менен иши эмне. Арадан бир жума өткөндө Акбарини көргүсү келди, жакшы эле: "аялым бар, эми ага барганда мени сүйөбү же аялың туруп уялбайсыңбы деп коёбу" деп ыргылжың болгон менен чыдабады. Анын сүрөттөй болгон жүзү көз алдына тартылып, карегинен кетпеди. Бул кезде Батма эне Акбариге баарын айтып түшүндүрүп келип:

- Кызым, сен аны жаман көрбө, ал сени сүйөт шекилди, сенин ушинтип жакшына болушуңа ошонун эмгеги зор, сени алып кетип атып: "апа эч кабатыр болбоңуз, Күкүнү дарылайм, ал сөзсүз өзүнө келет" деп кеткен эле. Башка мага ким жардам берди, "ий кокуй, Батманын жинди кызы келатат" деп күлгөндөн башка жакшы сөз укпадым, - деп унчукпай калды.

- Мен ошондой абалга келдим беле, апа?

- Ананчы, үч жыл, үч жыл сени менен алыштым го, каралдым.

- Эми анын көзүнө кантип көрүнөм? - Акбари өзүнчө уялып алды, - мен билген жокмун да?

- Эми да кеч эмес, келсе жакшы мамиле кыл.

- Макул! - деп оозун жыйгыча эшик тыкылдап калды. Акбари туруп барып ачты эле гүл менен бетин жаап бирөө турат .Күлүп ийди. - Кимсиз?

- Сакайып кетишиңиз менен! - гүлдү суна милиционер күлүп турду маңдайында.

- Аа-аа келиңиз! - Акбари уялгандай гүлдү алды да, - үйгө кириңиз, - деди.

- Жок, жок рахмат, сизди чыгып кеткен деди эле, дарегиңизди сурап бул жакка келгем, кандай денсоолугуңуз жакшыбы?

- Жакшы, жакшы.

- Ал ким экен? - Батма ичтен үн салды.

- Эч ким! - Акбари апасынан уялды, - рахмат сизге, гүлдөр үчүн карыз болуп калдым го? - Акбари бажырая карады.

- Жок, жок, эмне үчүн, - милиционер тайсалдай, - эмесе жакшы туруңуз, башкысы үйүңүздү билем, ушул мага чоң олжо болду, - деп ылдый тепкич менен түшүп кетти. Эми эшикти жаап гүлдү банкага суу куюп салып атканда кайра эшик такылдады: "Кайра эмнеге келди" деп ойлогон Акбари каалганы ачса Бекмурат туруптур.

- Келиңиз, - деп үйгө киргизди да эшикти бекитип. Экөө ээрчише бөлмөгө киргенде дал бая күнкү ооруканадагыдай жаңы үзүлгөн розанын бажырайып банкада турганын көргөн Бекмураттын жүрөгү дагы "тыз" эттирип сайгылашып алды: "Эмелеки милиционер болуш керек, ооба, ошол бая күнү ошого жалдырап ооруканага жеткирүүсүн өтүнбөдүм беле?" деп ойлонуп гүлдү тиктеп калган Бекмуратты Батма каршы алды:

- Кел кагылайын, окууларың жакшыбы?

- Жакшы апа, өзүңүздөр кандайсыздар?

- Жакшы садага, Күкүшүм ден-соолугу жакшы, биринчи кудай, анан өзүң себеп болдуң балам, кызым экөөбүз кандай гана алкыш айтаарыбызды билбей отурабыз, - эне анын жанына отурду.

- Койсоңузчу, мен дагы Күкүнүн ушул кезин көрүп өзүмчө кубанып отурам, башкысы сиз убайым жебеңизчи, сиздин убайым тартканыңызды көрүп аябай жаман болуп жүрдүм.

- Ээ балам, ушунусуна шүгүр, ошол бойдон калабы деп ойлосом уйкусуз таң атырып жүрбөдүмбү, атасынын өлгөнү бир тең, кызымдын абалы бир тең болуп, дагы жаным экен, чыдадым, аз болгондо ким билет? - Эне ойлуу отуруп калды.

- Антпеңизчи, Күкүнү күйөөгө берип небере күтөсүз, анан баары унутулат, - Бекмурат унчукпай отурган Акбарини карады: "мен да унутулам, гүл алып келген жигит балким Акбариге жагып калса ага турмушка чыгаар, мен… мен эмне кылам", деп үнсүз ойго термеле түштү.

- Мени кечирип коюңуз, эч нерсе эсимде жок, бизге жасаган эмгегиңизди төлөп беребиз! - деп ийди Акбари.

- Ыя?! - Бекмурат чындап чоочуп кетти, - Эмне дейсиң Күкү, кантип, мен эмне ошол арзыбаган нерсе үчүн акы алмак белем?

- Деги айтам, кечириңиз! - жер карап Бекмуратты тик карай албай турду Акбари.

Бекмурат көпкө отурду. Батма эненин көңүлү тынгандай. Аркы-беркини айтып ара чолодо Бекмураттан кай жерлигин, ата-энесин, бир туугандарын сураштырып отурду. Ойлосо ушул убакка чейин дегеле сураштырып көрбөптүр. Баарын айтып келген Бекмурат Аймира жөнүндө айтпады. Улам Акбариге көзүн кыйгачынан жиберип кээде экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп көздөрүн ала качат. Мурун: "Күкү экөөбүз сейилдеп келели" дечү Бекмурат эми антип айтууга оозу барбады. Ордунан туруп баратып дагы бир жолу гүлгө көз чаптырып алды: "Эх атаганат, өзүм өстүргөн гүлзардын ээси башка болуп калабы, эмнеге үйлөндүм экен, үйлөнгөнүмдү укса мага жолой койбос" деп босогого кыңырыла жетти да:

- Апа, жакшы калгыла, Мен эми келе аламбы же келе албаймбы, - деп эшикти ачып чыгып баратканда, - Кош эмесе Күкү! - деди.

- Ой Бекмурат, анча эмне эле шаштың балам, Күкү чыгарып койсун, - деп Батма шашып кызын карады, - Тур Күкү ,чыгарып кел, балам!

- Азыр, - Акбари ичке кирип кийинип чыкпай эле жеңил спортивкасын үстүнө илип алып чыга калды. Ошондо Бекмурат паркка дал ушул спортивкасы менен баргандагы окуя көзүнө тартыла калды. Бирок азыр ал таптакыр башка кыз эле. Экөө жанаша бирге басып баратышты. Сөздү эмне деп баштаарын билбеген Бекмурат улам көз кыйыгын кызга жөнөтүп: "эми бойдон болсо мунун артынан эчендер ээрчийт го, көп жигит сөз айтса кыздар эрээркеп кетет дечү эле" деп ойлоп коёт.

- Кайсыда окуйсуз? - Акбари капысынан үн катты.

- Күрөңкеевде…

- Аа-аа, ырдайсызбы?

- Ооба, ырдайм, музыкантмын, негизи бардык жагынан шыктуумун! - ал күлүп койду.

- Жакшы экен, мен дагы кичинемде ырдаганды жакшы көрчүмүн.

- Эмичи?

- Көрөм го, келээрки жылда бир окууга тапшырам го?

- Жигиттер илип кетсечи? - Бекмурат тамашалай күлүп койду.

- Эмнеге, илип кеткидей мен эмне суудагы балык же кургактагы балапан белем? - Акбари көздөрүн күлүңдөтө карап койду, - Жигиттер менен алышса алышып, чабышса чабышып коёбуз да?

- Оо, мушташканды билесизби?

- Сабактан сырткары окугам…

- Жакшы экен, анча-мынча жигитке моюн бербейм дечи?

- Колумдан келет.

- Азамат Күкү.

- А сиз эмнеге мени Күкү дейсиз?

- Мм, апаң ар дайым Күкү дейт го, мен да көнүп алыпмын.

- Ии-йи, - деп койду Акбари, - Бир топ жерге келип калышыптыр. Акбари Бекмуратты карап: - Келип кетип туруңуз, - деп колун сунду, - мен үйдөн узап кетипмин.

- Илип кетчү жигиттерден корко баштадыңбы?

- Жо-ок, коркподум деле, үйгө барбасам апам издеп жүрбөсүн?

- Ал киши мени менен кеткениңде кабатыр болбойт, мейли анда Күкү, канчалык биринчи болоюн десем да жетише албай калыпмын, эмки жолу балким биринчиң болоормун…

- Кантип, эмнеге минттиңиз? - Кыз жигитти түшүнө бербей суроолуу карады.

- Дегеним, бүгүнкү гүл менен ооруканадагы гүл жүрөгүңө чок салып койдубу балким, ошондо мен сени ойлонуп баратып машиналарды сүзүп алганда ошол жигитке мен сени табыштап оперлер менен кеткем, ал күнү агам келгиче мени кармап туруп алышты, агам келип чыгарганда күн кеч болуп сени эртеси издеп тапсам сага озунуп гүл берип кетиптир..

- Оой коюңузчу, берген белекти албай коюуга мүмкүн эмес го дейм, ал жөн эле көңүл үчүн…

- Жок, жок Күкү, жөн эле болбойт го, ошон үчүн мен айланчыктап жүрө бербей өз жолума түшсөмбү деп ойлогом…

- Өзүңүз билиңиз, бирок сизден дагы бир жолу кечирим сурайм, сизге апам аябай ыраазы, чынында мен үчүн аябай эле эмгек кылыпсыз…

- Андай дебе Күкү, менин адамга пайдам тийсе ошончолук бактылуумун.

- Рахмат, - ,Акбари колун сунду, - жакшы барыңыз.

- Жакшы тур Күкү, сен деп күкүк болуп жүргөн бир жөнөкөй жигиттин бар экенин эстеп койсоң болду, - Экөө кол алыша эки жакка бөлүнүштү.

Кыз ылдамдай басып баратты. Бир кезде артын караса Бекмурат дале карап туруптур. Кыздын бурулганын көрүп колун көтөрүп койду. Акбари унчукпай кете берди. Бекмураттын ичи тызылдап кетти: "Демек бул мени сүйбөйт, сүйсө көздөрүнөн көрөт элем" деп ойлоп атты.

Бекмуратты ата-энеси:

- Балам келинчегиңди шаарга ала кет, чогуу болгонуңар жакшы, сен болбосоң келинге кыйын экен, - деди эле ал так секирди:

- Шаарга баргандан кийин үйбүлө багамбы же окуймбу?

- Керектүүңдү биз берип турабыз, болгону аялың менен чогуу болгонуң жакшы.

- Жок, алып кетпейм! - Бекмурат так кесер кылып айтты эле атасы аны менен өзүнчө сүйлөшмөк болду.

- Балам, эмнеге минтип атасың, Аймира жаш, жакшы келин, андан көрө ал жакта алып койгонуң жокпу?

- Кызыксыз ата, - Бекмурат кыңырылып туруп атасына башка сөз айтпай койду. Ал Акбари жөнүндө айткысы келди, бирок анын өзүн сүйөр-сүйбөсүн билбегенден кийин айта албады. Кечинде төшөккө жатканда күйөөсүнөн Аймира минтип сурады:

- Эмне болду, доктурга көрүндүңбү?

- Көрүндүм, болбой атат, дары берди, укол сайды, иши кылып майнап жок, эмне кылаарымды билбейм.

- Эми эмне кылабыз?

- Мен кайдан билдим, андан көрө сен бир аз күнгө төркүнүңө барып алаксып тур, мен дагы эптеп дарыланып көрөйүн, болбосо сага деле кыйын да, эки катын бир төшөккө жатпайт да, - деди Бекмурат кейий.

- Жакшы болуп кетээр, эмнеге антип калды?

- Кайдан билем, суук тийип цистит болгом, ошондон кийин эле - деп өзү ичинен күлкүсү келип кетти: "Кантсе" да, алдаса болот жаш башты" деген чын, байкуш ишенип алды" деп аны аяп койду. Ошентип Аймираны төркүнүнө өзү жеткирип келди: "Үйүндө жүрө берсин, өзүм келип алып кетем" деп шаарга жөнөдү. Агасынын үйүнө келип алып ойлонуп жата кетти: "Эмне кылсам, Акбариге барсамбы же барбай эле койсомбу, өзүмдү өзүм алаксытып жүрө бербей андан ачык жообун алсамбы, анан тагдырдын жазганына көнүп берип Аймирага жакшы болуп калдым деп, бул жакка алып келип жашай берсемби?" деп ойлору менен алышып жатканда жеңеси чакырып калды:

- Ой бала, кел чай ич, эмне эле өзүң менен өзүң болуп калгансың? Кел тамак муздап калат!

- Азыр жеңе, - Бекмурат чындап эле санаадан саргайып бараткан. Акбари өзүнө келгиче анын тигиндей абалын көргөндөн кийин санаа тартып, азап чегип аз уктачу. Эми өзүнө келип маралдай керилип өзүн суктандырып, бир сырдуу зымпыйганы ого бетер азап болду.

- Кийинки кездерде ойлонуп эле калдың, же келин айылда калганга ойлонуп жатасыңбы? - Жеңеси аны тамашалай күлдү.

- Келин келсе экөө ошол бөлмөдө жашай берет эмне, бөлмөлөр бош эле турат, алсаң алып келип ал! - деди агасы.

- Жо-ок, бул жакка алып келип эмне кылам, окуп бүтүп аялды бакканга шарт түзүп анан келбесе…

- Ой кудай а-ай, азыр эмне ак төөнүн карды жарылган заман, экөөңү батырбай коймок беле, агаңдын тапканы кудайга шүгүр бала, баарыбызга жетет! - деди жеңеси. Чынында жеңеси абдан жакшы аял эле. Жайыл дасторкон болчу. Качан болсо келген адамга жадырап-жайнап турчу. Жеңесине ыраазы болуп турду Бекмурат.

- Жеңе, сиздин пейлиңизге ыраазымын, баардык эле аялдар сиздей болсо кандай жакшы, азыр алып келбейм.

- Өзүң бил бала, жеңем жакшы болсо алып келип алат элем деп ойлоп жүрбөсөң эле болду..

- Ой жеңе, кантип эле, сиздейдин атына жаман сөз айтыш адамдын кадыр-баркын билбестик болуп калаар.

- Болду эми, жеңеңди мактай берсең, мактаган байдын кызы болуп, желенин башына чыгып жүрбөсүн! - агасы карсылдай күлдү.

- Ооба десең, - деп кайра күйөөсүн жактай күлүп койду жеңеси дагы, - аялды көп мактаган болбойт!

Күлүп отуруп тамашалашып тамак ичилди, анан өз жумуштарына кетти. Бекмурат үйдө балдар менен отуруп сааты болгондо окууга кетти. Көңүлү чөгүп отурса курсташ кызы ага тийише шаңкылдап сүйлөп калды. Ал кыз да өзүн мен сулуумун деген кыздардан эле. Бекмуратты жактырчу. Манзура жакын келип.

- Бекмурат, сени үйлөндү дейби? - деди шыбырап.

- Жок, ким айтты?

- Балдар-кыздар айтып жүрүшөт го?

- Айта берет да, жалган, - Бекмурат кызаңдап кетти, - эмне, күйөө жолдош болуп күбөлүккө өтүптүрбү?

- Билбейм, сени үйлөндү дегенинен…

- Эч кимге ишенбей эле кой, мен азыр үйлөнбөйм!

- Сүйгөн кызың барбы?

- Азырынча жок!

- Башым бош дечи?

- Сен кандай бош болсоң мен дагы ошондой эле эркинмин, - Бекмурат күлүп койду.

- А мен бош эмесмин да.

- Мен бошмун! - кызды карап күлүп койду. Ошол бойдон экөө дагы үндөбөй калды. Сабак бүтөөрү менен Бекмурат бир топко ойлонуп туруп: "кой, бир барайын дагы, ушул жолу андан бир жообун угушум керек" деген чечимге келди да адымдай басып Акбаринин үйүн көздөй баратты. Эң акыркы бүтүм, акыркы үмүт: "же ары же бери болуш керек, ачык эле айтам, мен аны сүйөөрүмдү" деп. Ойлонуп подъездге жете бергенде тык токтоду, анткени так подъездде Акбари менен милиционер турган эле. Башына келтек менен бирөө капысынан чапкандай эле көзү караңгылап, көзү тумандай же ары басалбай, же артка кете албай туруп калды. Ошол учурда аны байкабай эле тигил экөө коштошуп калышты. Акбари ичкери кирип кетти. Турган жеринде былк этпей турган Бекмурат тиги милиция жанына жете берээрде билмексен боло басып келе жаткан болуп өтүп кетти. Ал да аны бир кылчайып карап коюп өтүп кетти: "Кызды сүйгөн көп болот, кыз жүрөгү бирөөнү тандайт" деп өзүн соороткон Бекмурат шыпылдай басып Акбаринин эшигине жетип тыкылдатты.

- Ким? - Акбари назик үнү чыкты.

- Мен эле, Күкү! - Бекмурат атайы ошентти, анткени аны апасы анан өзү атаарын билсин деген ойдо эле.

- Аа-аа, келиңиз! - Акбари аны көздөрүн жайната жылмайып тозуп алды. Анын ушул турушу Бекмуратты апкаарытып ийди, чачтарын жайып, бир башкача жасанып алыптыр, ооруп жүргөндө чачын өрүп эле артына түйүп койгону деле жарашчу, бирок азыр кундуздай капкара чачын жазып алганы өзүнчө эле бир периштедей көрүндү.

- Кандай Күкү, ден-соолук жакшыбы, апам жакшы жүрөбү? - деп ичкери кирип келди.

- Жакшы, жакшы, апам бүгүн үйдө жок эле…

- Кайда кетти эле, тынчпы деги?

- Тынч эле, жумуштар менен кеткен.

- Анда-аа, - Бекмурат босогодо туруп калды, - Балким апам жокто сен кабыл албайт чыгаарсың, ушул эле жерден кетейин: "Эмне дээр экен, кир десе жакшы, кокус менде көңүлү болбосо жакшы барыңыз дейби?" деп турганда, кыз:

- Кой кириңиз үйгө, мага таарынсаңыз да апама таарынбай кетиңиз, азыр келип калаар…

- Мейли, кирсе кирейин, - Бекмурат бутун чече ичкери кирип баратып: "мага апаң эмес, сен өзүң керек экениңди кандай билбейсиң сулуу, жүрөгүңө от жага албай жатам го, сен керексиң сулуу, мага сен гана керексиң, сенсиз мен баарын, баарын таштап дүйнө кезип кетүүгө аргасызмын" деп Акбаринин бөлмөсүнүн жанынан өтүп баратып баягы роза гүлүн дагы көрдү. Ал жапжаңы эле, азыр эле алып келген: "Кыз жүрөгүнүн ачкычын таба билген жигит окшойт, ал муну чындап сүйүп калган го, а мен ушуга чейин бир да жолу гүл көтөрүп келе элекмин" деп ойлоп туруп калган Бекмуратты Акбаринин үнү селт эттирди.

- Эмнеге туруп калдыңыз? - деп Акбари ашканасынан чыга берип Бекмураттын гүлдү карап турганын көрүп уялгансып:

- Аа, дагы гүлдү көрүп калдыңызбы, ал ошол баягы милиция бүгүн да келиптир, келген сайын гүл көтөрүп келет, - деп күлүп калды,

- Мен көрдүм… - дегенде:

- Эмнени көрдүңүз? - де Акбари таң кала түштү.

- Гүлдү айтам, жакшынакай гүл экен.

- Рахмат.

- Жигит көңүлгө толгон го ээ, Күкү? - Бекмурат аны сынай карап сөз күттү.

- Эми адам менен адам сүйлөшөт экен да, келген кишини кет деп кагууга, шагын сындырууга кантип болсун, сизге кандай болсо, ага деле ошондой эле мамиле кылам.

- Кечирип кой Күкү, кандай адам менен мамиле кылыш өз ишиң дечи, ага менин эч кандай деле тиешем деле жок, ашыкча сурап койсом кечир:

- Эч нерсе эмес, Сиз агамдай болуп калдыңыз, кеңешиңизди угам.

- Күкү бир нерсе айтсам болобу? - Бекмурат кызды теше тиктеп: "балким мага жүрөгүңөн кымындай да орун жоктур, ошондой болсо да учуру келип турганда бир жоор алып кетейин" деп ойлонуп алып, - Мен сени көргөн учурдан тартып жакшы көрүп артыңдан ээрчип келем, бүгүн оюмду айта турган учур келип турат, мен жөнүндө жок дегенде ойлоого кудуретиң жетеби? - деди.

- Кызык, сизди ойлогондо не, ойлобогондо не, бизден жолдорубуз бөлөк го деп ойлойм?

- Кантип, мен ошол жолдорду бириктирүүгө жандалбастап келем, а сен башканы ойлойсуң, сүйүү дегенди кандай түшүнөсүң?

- Кечирип койуңузчу мени, мен эч нерсе ойлобоптурмун, анан дагы сүйүү деген ооруга чалдыга элекмин, өзүңүз билесиз да, мен жакында эле кайра жаралып отурам, мага убакыт керек.

- Күкү, мен сени кыйнабайм, бирок бир сүйүү деген сезимге кабылып алып азап чегип жүргөнүмдү айттым, калганын өзүң чеч, мен кеттим! - деп ордунан турду, - Жакшы тур, жүрөк кубантар, көңүл жубатаар кебиң болсо бир күнү келем, ошондон кийин жообуңа карата же сенин сыйлуу коногуң болом же биротоло көздөн далдаа жоголом, - деди да чыгып кетти. Акбари үндөбөдү, тек турган жеринде селдейе туруп кала берди. Артынан кайрылбай чыгып кеткен бул сырдуу жигитти апасы көп жолу мактап айткан эле: "Кызым, сенин кадырыңа жетсе ушул жигит жетет, жеңил ойлуулук кылба, өң десе өңү, бой десе бою бар, төрт тарабы төп келген мындайды теңсинбесең анда өз бактыңды тепкен болосуң, жанагы милийса баланын жаштыгына кызыкпа" деген эле. Ушуларды ойлоп кыз жылмайып алды: "Жакшы адам экен, бир аз улуу болбосо, бирок мен аны сүйө аламбы? Жапарды кантем, ал күн сайын сүйүүсүн арнап келип атат, ага эмне дейм?" деп телмирип турганда Батма келип калды.

- Күкү, Бекмуратты чай-пай берип кетирдиңби? - деди үйгө кирип кирбей атып.

- Ооба…

- Ийи-и. Мен аны тигиндейрээктен көрүп калдым, мени байкабай шыпылдап өтүп кетти.

- Жолуккан экен десе.

- Жо-ок, мен тигиндейрээктен өтүп келаткам.

- Бая эле келген, сизди күтүп отурду.

- Мени эмне күтмөк эле, ушул сага чарк көпөлөк айланып эле келип жүрөт бечара, билсең сага экинчи өмүрдү ошол берди.

- Эмне кылайын?

- Адамдай тозуп кой да, бирдеме жасай кой, отур деп жакшы сөз айт!

- Келиңиз, чай ичиңиз, отуруңуз, деп эле жатам, - деген Акбари апасына күлүп карады.

- Ошент балам, кызды сүйбөгөн кандай жигит бар дейсиң, кыз сүйө албаган жүрөгү жок гана эркек болбосо, жигитмин дегендин баарынын кызды көргөндө көзү кызарып турат. Акыл менен чечкениң оң, түбөлүгүн ойлон!

- Болуптур апа, сенин айтканыңдай болот, кабатыр болуп кейибей жүрчү, - Апасын өөп эркелеп алды.

- Терең ойлонуп иш кыл кызым, кудайга шүгүр, ийнесин жерге түшүрүп алып жер сыйпалагандай абалга келгенимде ушул жигит менин өчкөн үмүтүмдү жандырды, Сууган демиме кайрат берди, болбосо эмне анын кылаарга жумушу жок бир дейди дейсиңби, убактысын талаага кетирип жүрө бергендей.

- Болуптур, болуптур апа, мен жакшылап ойлонуп көрөйүн.

- Ошент, эне сынчыл болот, мен аны көргөндөн бери сынап бүткөм.

- Аракет кылып көрөйүн апа, сени кантип эле жер каратайын, апаке?

- Садагам, ырысым менин, атаң жакшылыгыңды көрбөй кетти.

Эне-бала андан ары өздөрүнүн сүйүктүү адамы жөнүндө эскерип жакшы тамак атап куран окуп отуруп анан жатууга кам урушту.

- Апа, жанагы келип жүргөн жигит сага жакпайбы?

- Балам, ал деле бирөөнүн баласы, бирөөнү жаман деп айта албайм, бирок ушул милицияларың болбогон эле жандар, бирде боор ооруп тургандай көрүнгөнү менен ошолордон мерез, катаал, карамүртөз жан болот, андан көрө ушундайда андан кол үзүп эле кой, Бекмуратка зыяны тийип калбасын.

- Эмнеге? - түшүнө бербей сурады.

- Жамандык издесе аларың болбостон ак адамды каралап коё беришет, уялбайт дагы.

- Койчу апа, кантип ошондой болсун, анчалык жамандыкка барчу түрү деле жок го?

- Аларыңдын алган тапшырмасы ошондойбу билбейм кызым, кой уктайлы, - жатып алып да көпкө сүйлөнүп атышты.

Эртеңки аппак таңдан, тийген күндөн алардын күткөнү жакшы үмүт, чексиз мээрим, алдыда болчу табышмактуу жашоолорунун ийгиликтери: "Жалгызымды ойдогудай жерге берип, көзүмдүн тирүүсүндө баласын көрүп көңүлүм тынса экен" деп ойлогон эне көзүнүн илингенин да сезбей калды. "Акбари уктап атып түш көрдү, түшүндө Жапар кирип өзүн колунан тартып каяккадыр жетелеп кетип атыптыр, алды жагында карайган булут сымал нерсе тозуп жол таппай кыйналып атышканда Бекмурат пайда болуп ал Акбариге колун жаңсай жапжарык, гүл жайнаган өрөөндү көрсөтүп: "Күкү жүрү, карачы тиги тоолорду, гүл терип ойноп келебиз, ал жакка барба, тигине күн жаап добул соккон жатат, барба!" деп өзүн көздөй жүгүрөт, жетпейт, Бекмураттын арты апаппак болуп гүлдөр кулпунуп отурду, Акбари Жапардан бошоно албай артына кылчактай тартынса да ал аны коё бербей жетелеген бойдон капкара туңгуюкка кирип баратканда да Бекмураттын артындагы жарык аны кубалап жетпей ойгонуп кетти. Жүрөгү элеп-желеп согуп калыптыр. Кара терге түшүп калганын көрүп: "Бул эмнеси, чын эле Жапар менен жолум болбойт окшойт, кой ал келсе үмүтүн үзүп койойун" деп ойлонуп андан кийин уктай албады. Аңгыча таң агарып терезеден үйгө жарык кирип тирүүлүктүн күнүмдүк машакаты башталгандай жолдогу күр шар эткен машиналардын үнү угулуп сырт жак жандана баштады: "Туруп апаман мурун чай коюп койойун, кеч жаттык, бир аз уктап алсын" деп ойлонуп жатып кайрадан таңкы ширин уйкуга жетеленди. Эң кызыгы ал жанагы түшүн дагы көрдү. Кыйналып атканда Батма:

- Күкү, тур каралдым, түш болду, эртең менен эрте туруп жүр, эми сен бойго жеттиң, бирөөнүн бүлөсү болосуң, - деп сүйлөшүп атканда ойгонуп кетти. Көзүн ачып тургусу келбей жатып: "кызык тим эле кинодогудай, эгер өңүмдө ушул ролду аткар десе колуман келет беле?" деп ойлонуп ордунан туруп жуунууга ваннага кирди. Жуунуп кайра келсе апасы алда качан туруп май токоч жасап чайын кайнатып күтүп туруптур.

- Оой, апа, токоч да жасаганга жетишип калдыңбы? - деп жадырай апасын кучактап өөп, өөп алды.

- Менин турганым качан, турабы десем тураар эмессиң, катуу уктап атыпсың, ойготпой эле койдум.

- Жаным апам ий! - деп койду эркелей. Ал түшүндөгү көргөнүн апасына айтсамбы деп кайра айта албады, болбогон нерсе үчүн апасынын жүрөгүн ооруткусу келбеди. Эртең мененки чайды ичип алгандан кийин Акбари көчөгө сейилдеп келгени чыкты. Анын теңтуш кыздары да ал ооруп калгандан кийин келбей калышкан. Зерикти, түндөгү түшү кайра-кайра эсине түшө берип ойлордон алыстагысы келип парк жакка басып жөнөдү. Жалгыз басып жүрдү, жапжашыл парктын ичи салкын, жаздын алгачкы айы болгондуктан карагайларда ар кандай кооз чымчыктар учуп-конуп, бутактан бутакка конуп сайраса айлана ого бетер кооз болуп адамдын жандүйнөсүн эргитип, кубанычка бөлөйт. Ал көпкө чейин басып жүрүп ар кайсы жерде кыз-жигиттердин эки-экиден болуп бактылуу колтукташып жүргөнүнө суктанып алды. Кээси көк чөпкө отуруп алып ортолоруна бирдеме коюп ичип отурушат. Ал эми кайра үйүн көздөй жөнөгөнү бурула бергенде анын артынан:

- Акбари! - деген бирөөнүн үнү угулганынан караса мектепте бирге окуган Минура экен. Токтой калды, - Оой Акбари кандай, денсоолуктарың жакшыбы, тим эле чүрөктөй болуп кайда жүрөсүң ыя? - деп жүгүрүп келип өпкүлөй учурашып калды.

- Кандайсың өзүң, өзүңдүн денсоолуктарың жакшыбы? - деп Акбари дагы кубанычтуу өбүшүп калды аны менен, - Эмне, көңүл ачып жүрөсүңбү?

- Жаштык бир келет да досум, каалагандай өткөрүш өз колубузда. Өзүң эмне жалгыз жүрөсүң чанда көрүнчү карлыгачтай каалгып.

- Мен бүгүн өзүмчө эс алуу үчүн келгем, жалгыз баскым келди.

- Койсоңчу, жалгыздык адамды зериктирип ийет да, жигитиң барбы?

- Жигитке шаша элекмин, - Акбари ойлуу туруп калды.

- Акбари, мен бүгүн бул жерге бир жигит менен келгем, бирок өзүмдүн жигитим башка, эртең сени менен жолуктурбайынбы, таанышасың, а бул болсо артымдан ээрчип жүргөн бирөө, бүгүнкүгө болжоп ушул жерге эс алууга чакырганынан келгем. Жүрү аны менен тааныштырайын.

- Дагы бир күнү, азыр эч нерсеге көңүлүм келбей турат, сен жакшы эс ала бер, мен бара берейин.

- Койчу досум, канчадан бери көрүшө элекпиз, жүрү биз менен отуруп анан деле кетесиң да? - Минура аны болбой эле жетелеп карагайдын түбүндө отурган жигиттин жанына ээрчитип барды, - Тазабек, бул сулуу кыз мени классташым, таанышып алгыла, аты Акбари, - деп Минура аны тааныштырып өттү шакылдай.

- Жакшы болот, менин атым Тазабек, - колун сунду жигит Акбаринин Көздөрүнөн көзүн албай.

- Акбари, - ал жигиттин сунган колун сумсайтпай кол берди.

- Таанышканыма кубанычтуумун, отуруңуз, - деп орун көрсөттү. Акбари кысына отуруп калды. Алар көк шиберде отурганы менен гезит төшөп алып үстүнө тамак ашты толтуруп көңүлдүү отурушкан экен.

- Силер отура бергиле Минура, мен апама айтпай чыгып кеттим эле, кечигип калсам кабатыр болот, бара берейинчи, - деди Акбари бир аздан кийин Тазабектин өзүн кайра-кайра карай бергенинен тартына.

- Оой чоң кыз, ошол кантип болсун, анда биз деле кошо кетебиз, - деди Минурага караган Тазабек, - Туурабы Минура?

- Ананчы, сен кетип калсаң таарынабыз, бираз отуруп кетсең эмне болот, - деп Минура таарына кетти.

- Койчу эми Минура, таарынбасаң, эми мен барбасам болбойт, деп болбой эле жөнөгөндө Тазабек кошо турду.

- Узатып коёлу, - Минура карады эле ал калп эле күлүп ичинде Тазабектин Акбариге карап суктанганын көрө албай турган эле.

- Тазабек, сен узатып кел, мен бул жерди карап турайын, - деди көңүлсүз.

- Эмне курбуңа таарынып калдыңбы?

- Таарынат да, канчадан бери көрүшпөй жүрүп бүгүн жолугуп калсак, бир аз убактысын аяганына.

- Минура, мен чынында апама айтпай келе бергем, сен таарынбачы, андан көрө мага кел, үйдө жай жолугуп сагынычыбыз тарашкыча сүйлөшөбүз. Азыр эми Тазабек экөөң кең-кесири отура бергиле, - Тазабекке карады эле анын көздөрүнөн жалтанган жигит көзүн тартып алды, - Сиз убара болбой эле коюңуз, - деп ылдамдай басып узап кетти.

- Тим кой, кетсе кете берсин, ал өзү оорукчан, киши менен отуруп көңүлүн ачсын десе… - Минура анын артынан жаман көзү менен карап шыбай баштады, - Сен тим эле үзүлүп түшө карадың го, сүйүп калып анан бир жиндинин азабын тартып жүрбө? - Мыйыгынан жылмая карады Тазабекти.

- Сен кызыксың го Минура, аны карабаганда жер карап сүйлөймбү? Киши менен сүйлөшкөндө аны карап сүйлөйт да.

- Ой койчу, эркектер ушундай болосуңар, кичине сулуураак кыз болсо эле гүл тандаган көпөлөкчө биринен бирине өтүп кетмейиңер бар!

- Мейли эми, кечирип кой, өзүм байкабай калдым окшойт, мен ага сенин курбуң катары эле карап аттым эле, койчу Минура алтыным, - Тазабек анын көңүлүн ачууга аракеттенип кучактай баштады.

- Койчу, ушундай кантип болсун! - деп тултуңдап ордунан туруп кетти.

- Минура, болбоско ушунча болосуң, кокус үйлөнүп калсак мени кишини каратып сүйлөтпөй каласың го?

- Эмне, мен сага тийгени жаттым беле? - аны таңдангандай карады.

- Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп кетсе, өзүм каалаганым менен үйлөнөм да, а мен сени сүйөм!

- "Сени сүйөм, сен үчүн өлөм", деген жигиттердин дежур сөздөрү да, анан дагы башка кыздар болсо ээрчип кете берет.

- Канча айтам Минура, мен сени сүйөм! - Тазабек аны коомай гана кучактай жүзүнөн сүйдү, - Мен алда качан эле чечип койгом, эгер сен макул болсоң жакында үйлөнөбүз!

- Чынбы? - Минуранын көздөрүнөн кубанычтын учкундары чачырап аны жадырай карады.

- Эмне, калп айтып жүргөнүмдү көрдүң беле, турмуш оюнчук эмес да, - Тазабек аны ишендирүүгө аракеттенип жатты, бирок бүт оюнун баары Акбариде: "дарегин кантип билем, эптеп анын үйүн көрүп алсам, сага таптырбайм го?" деп ойлоп турду. Минура анын айтып атканына чындап ишенип: "эмнеге чабалдык кылдым, ушул кыялымдын айынан көп жигиттерден калып атам, эми мунун көңүлүн суутуп албасам экен, Акбари сулуу, бирок ал оорукчан, аны эмне кылмак эле, бир-эки сүйлөшкөндөн кийин кайра качат" деп ойлонду да:

- Кечирип койчу Тазабек, мен сени катуу сүйгөнүмдөн кызганып кетпедимби? - деди анын төшүнө башын жөлөй.

- Эч нерсе эмес, ошол мени катуу сүйгөнүңдөн сенин?! - деп кучагына кыса дагы бетинен өөп койду, - Кел эми жай отуралы, баарын унутуп, - ал кызды жылмая карап, - өтүңүз, чоң кыз, төргө! - деп дасторкончонун четине карай колун жаңсады, - Отуруңуз, мадам! - Күлө колунан ала отургузду.

- Рахмат! - Минура ыраазы боло отуруп атып жылмайып алды, ал ушул учурда өзүнчө бактылуу болуп турду. Экөө соктон ичип коюп, кекс жеп бир топко отурушту. Тазабек Акбаринин дарегин сурай албай ичтен бушайман, ошол кара көз кыз менен кошо кеткендей жүрөгүнүн бир ныптасы эңшерилип турду.

- Минура, кача үйлөнөбүз? - Тазабек кызды сынай карады.

- Билбейм… - Минура уяң боло түштү, кыз каадасы кылдыбы, жер карап: "эрк өзүңдө, мен качан болсо да даярмын" дегендей таризде болду.

- Жаным, биз үйлөнсөк аябай чоң той болот, сен курсташтарыңды, теңтуштарыңды, менин досторумду чакырып, эсте калаарлык үлпөт той өткөрөбүз.

- Ийи, - деп коюп заматта созулуп калган Минурага Тазабек ичинен таң калып турду: "эмеле үйлөнө коймок белем, азырынча тынчтандырып турайын, кийин колунан эчнерсе келбейт, эптеп Акбаринин эле дарегин билип алсам" деген ой мээсин жей берди. Бир кезде Минура Тазабекти карап туруп:

- Тазабек, Акбарини деле айтып койойун ээ, кичинебизден чогуу өстүк эле, кийин оорукчан болуп калып алыстап кеткенбиз, - деди.

- Өзүң билесиң алтыным, курбуларыңды өзүң чакыр, а мен өзүмдүн досторумду айтам, - Тазабек чындап үйлөнө тургандай ишеничтүү айтып атты.

- Кел азыр эле анын үйүнө барып келели, экөөбүз үйлөнөөрүбүздү айтып чакырып да коёбуз, жалгыз баргым келбей турат.

- Билет жаздыргандан кийин айтпайлыбы? - Тазабек калп кыйылган болду.

- Анда башка, азыр ага барып келгенге көндүрөбүз, өзү үйгө кел дебедиби?

- Ал сени чакырды, мени чакырган жок да?

- Эмне экен, апасы мени тааныйт, мен Акбарини сыртка чакырып чыгам.

- Мейли, - Көңүлсүздөй ордунан турган менен ичинен кым дей түшкөн эле. Экөө парктан чыгып филармониянын арт жагындагы көп кабат үйлөргө жетип келди. Үчүнчү кабатка чыга берип эшигин какты.

- Ким? - деди ичкериден чыккан үн.

- Мен, Акбари, ачсаң! - Каалга ачылды. Акбари Минураны көрүп кубана түштү.

- Келгиле, тынччылыкпы?

- Тынччылык эле, сага менин айта турган чоң жаңылыгым бар, ошон үчүн келдик.

- Жакшы, - Акбари жылмайып койду.

- Жүрү, эшикке чыксаң, апаң үйдөбү?

- Ооба, үйдө эле.

- Оой, анда мен кирип учурашып койойун, сен тура тур ээ, Тазабек, - деп коюп ичкери кирди. Ошондон пайдаланган Тазабек таң калгандай тиктеп турган Акбариге жакындай берип:

- Мен кеттим, сенин үйүңдү көрдүм кудайга шүгүр, эртең келем, Минурага билбейм деп кой, - деди да тепкич менен ылдый түшүп кетти.

- Эмнеге? - деген Акбари эшикти жаап коюп үйгө кирди.

- Тазабек турабы? - Минура Акбари үйгө кирээри менен сурады.

- Ылдый түшүп кетти…

- Мейли ал күтөт, эч нерсе деген жокпу?

- Жок, үндөгөн жок, - Акбари эч нерсеге түшүнбөсө да Тазабекке өзүнүн жагып калганын сезип билмексен болуп койду.

- Ошол аяш апа, жигитим мага үйлөнүүгө колумду сурап атат, анан бала кезибизден бирге чоңойдук эле деп Акбариге кубанычымды жеткиргенче шаштым, үйлөнүүгө чакыруу билет даяр болгондо мен өзүм келип берип кетем, деп толкундана сүйлөп жатты.

- Бактылуу бол айланайын, өз теңиңерди таап жашыңарда үйбүлө күтүп алган жакшы эмей.

- Ананчы, Тазабек мени аябай сүйөт, - деди кубанычтуу сүйлөп отуруп, - Кой, мен кетейин, ал сыртта күтүп калды, - деп коштошо чыгып кетти.

- Жакшы бар! - Акбари узата карап эшикти жаап кайра үйгө кирди, - Апа, ал жигити мындан качып кетти, буга ал үйлөнбөйт, - деди апасынын жанына отуруп атып, - Алдын ала эмнеге эле мактанып атат?

- Кайдан билем, жигитине ишенеттир да?

- Билбейм, - деп унчукпай калды. Тазабектин "мен сага эртең келем" дегенин айтпады. Анын эмне үчүн айтканын деле баамдабай калган эле. Эне-бала кобурашып отурганда Бекмурат келип калды:

- Саламатсызбы апа.

- Жакшы айланайын, өзүңдүн окууларың жакшыбы?

- Жакшы апа, бардыгы жайында!

- Ошондой эле болсун айланайын, силер сүйлөшүп отуруп тургула, мен чай коё койойун, - деген Батма эне ордунан тура ашканасы тарапка басты.

- Кандай Күкү, ден-соолуктар жакшыбы? - Бекмурат Акбарини жылмая карады.

- Жакшы, - Акбари Бекмураттан көзүн ала качып жер тиктеди.

- Күкү, мен сенин оозуңдан бир сөз угуу үчүн келдим, жообуң даяр болсо сыртка чыгып келбейлиби? - ал кыздын уяң жүзүнө карап эңкейе берип ээгинен көтөрө, - айтчы, балким сен мени жактырбайсыңбы?

- Билбейм…

- Кызык, эмнеге? Адам чечкиндүү болбойбу Күкү, жүрөгүңдө башка бирөө жашап жаткан болсо жашырба, ачык эле айт, а менин жүрөгүмдө бир жылдан бери сен, сен гана жашап келатасың!

- Бир жыл?! - Акбари таңдангандай аны көздөрүн бакырайта суроолуу тигилди.

- Ананчы, бир жылдан бери сенин гана айланаңдан кеталбай үмүт менен жашап келе жатам.

- Чай ичкиле! - Ашканадан Батма үн салды, ал Бекмураттын сөзүнүн баарын угуп турган: "Чунак кыз, ырас эле мындай жигиттин убал-сообун ойлонбой тигинисин ойлоп жүрсө керек, оюма койсо ушул баланы мага күйөө бала кылып берсе, өз баламдай болуп калат эле", деп ойлонуп ашканадан билмексен болуп чакырып аткан. Акбари менен Бекмурат ээрчише келип отуруп калышты. Экөөнү көргөн эненин жүрөгү тыз этип алды. "Атаганат, бири-бирине жарашып эле калмак, кызым өзү азыр сүйүп көрө элек, али бала бойдон, акырындап сүйүп кетээр", деп кыялында Бекмураттан башканы оюна албай чай куюп берип атты.

Бир-эки чыныдан чай куюлгандан кийин гана ал экөөнү карап күлмүңдөй ичи элжиреп:

- Күкү, анчалык суз болбочу балам, эми сен бойго жеттиң, Бекмурат сенин көңүлүңө карап жаныңда отурганда кичине жакшы эле мамиле жасабайсыңбы? - деп кызын карады, - Минтип отурсаң мен качан күйөө балалуу болом?

- Койчу апа, - Акбари апасын жылмая карады, - ушинтип айтканыңыз кантип болсун? - Кызарып кетти ал.

- Уялбай эле кой, Бекмурат менин өз баламдай болуп калбадыбы, ээ балам? - Бекмуратты карады эне.

- Ананчы, мен деле өз апамдай көрөм, Күкүгө эле жакпай атам, апа? - тамашалай кызды карады.

- Эмнеге, Күкүм сени жактырбай эмне, өзү билбеген, ичи арам, сулуулугуна эле азгырылбаса, кадырына жетээр жетпесин ким билет, - эне ойлуу жүрөк өйүгөн маселесин ачык айтып отурду, - Жашырганда эмне кызым, сенин оорулуу экениңе карабай жылдап жаныңда жүрөт, башка бирөө болсо качып кетмек алда качан эле…

Акбари башын жерге салып ойлуу, Бекмурат да үндөбөдү, үчөө өз ойлору менен алектенип отурганда эшик такылдап калды, эне ордунан туруп эшикти ачууга жөнөдү. Бекмурат менен Акбари бири-бирине тиктеше түштү: "Жапар келдиби?" Акбари экөөнүн тең оюнда ушул суроо. Батма эне эшикти ачып бергенде колуна роза гүлдөрүн көтөргөн Жапар турган экен…

***

Сүйүнбек менен Тумар жашоонун ысык-суугун бирге татып, алдыдагы белгисиз тагдырлардын тоскоолдуктарын жеңип өтүүгө белсенип киришишкен. Экөө баш кошо электе Тумар: "балдар балакетимди алсын, бала деп окуган окуумдун үзүрүн көрбөй кой артында жүрдүм, канчалаган токмокторду жедим, бутумду сындырды, дегеле жакшылык көргөн жокмун" деп айтып жүргөн эле. Бирок Сүйүнбек экөө баш кошуп кененирээк батирге киргенден кийин эле адегенде эң кичүү кызы келди. Ошентип жашагандарына көп болбой эле үч кызы тең келип калды. Бул учурда Сүйүнбектин жини келе баштаган.

- Тумар, сен эч кимиси келбейт дебедиң беле, бул кандай, өзүбүздүн тапканыбыз зорго жетишип жатса, бизге оор келет го?

- Сүйүнбек, алтыным десе, балдар өзүн өзү багат, булар дагы иштейт, эч кыйналбайбыз, коркпо жаным, - деп жароокерлене сүйгөнүн өөп койду.

- Анда өз-өзүбүзчө акчаны кармайбыз, сен кыздарың менен чогулт, - деп Сүйүнбек үңүрөйдү. Анткени ал өзүнчө жашап, өзүнчө көнүп калганга дале көпчүлүккө көнө албай жүргөн. Кыжылдашып көп урушчу болду. Бирок андайда Сүйүнбекти Тумар жайгарып көздөрүн сүзүп, тамактын жакшысын жасап, ортого бир бөтөлкөнү коюп көңүлүн табат:

- Сүкө, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйүп, каалап баш кошуп отурам, кырк жашымда сүйүү деген оору менен ооруп сени менен жетелешип жүрөм, буга мен абдан бактылуумун, ушул балдарды экөөбүз карабасак болобу? Кел, сенин балдарыңа да каттайбыз, кызың чоңоюп калыптыр, келсин, мен аны өз энесиндей кабыл алам.

- Ой ата-аңдын гөрү, сен чын эле түлкүсүң ээ, заматта адамды будамайлап койчу опутуң бар экен ой, - деп карсылдап күлүп калат Сүкөсү.

- Кел эми жаным, экөөбүздүн бактыбыз үчүн алып коёлу! - деп экөө эки стаканга куюлган мүрөктүн суусундай мөлтүрөгөн кургурдан бирден алып ийип көңүлдөрү жайлана жакшы оокатты закуска кылып отурушту. Булардын көп ичип жүргөндөрү эң кенже кызы Гүлгө такыр жакпайт, тултуюп тамактанды да уктоого киришти. Ушул кезде алар Кызыл Аскерде батирде турушчу. Чакан-чакан эки бөлмө эле. Керээлден кечке гезит-китеп сатып, басып жүргөнгө чарчаган жубайлар кечкисин дайым ушинтип күндө бир бөтөлкөдөн коюп алып ичип чарчоосун жеңилдетмей адатка айланган. Мындайда экөө "менден" "сенден" болуп экөө өз кошелегунан чыгарып анан экөөнө бирден бөтөлкө айланып калат. Кызып калган немелер чыныгы махабаттын оюнуна өтүшөт. Деги бул махабат оюну жаш-карыга бирдей эле керек сезим тура! Тумардын мындайда активдүүлүгү өтө жогорулап, Сүйүнбектин жанын көрсөтөт го, чиркин! Жашоосунда жалгыз болуп бойдокчулуктун айынан "бүчүсүн" чечпей көп жыл жатып калып аял жытына, кумарына зар болгон Сүкөнүн чери жазылып, бакытка магдырай жатып калат. Чынында ушул аялга жолугуп калганына ичинен ыраазы эле. Илгерки акылман ата-бабаларыбыздын: "Эки жакшы кошулбайт, кошулса бир жеринен кем жашайт" дегендей жашоодо "бири тентек, бири жөнтөк" болуп биринин жамандыгын бири жашырып, жашоо өтө берет эмеспи. Жалкоолук аялзадалардын жеткен чеги, алды кийин ойлобогону, кечирим бере албаганы далай үйбүлөлөрдүн жашоосуна кедергисин тийгизбей койбойт. Тумар негизинен өтө митаам, бардык нерсени алдын ала байкап турган аял, ошондуктан Сүйүнбектин анча-мынча күңкүлүн көтөрүп, жылма сүйлөп, жашоодогу оорчулукту жеңип өтүүгө далалаттанып келет. Ошондой күндөрдүн биринде Тумар Алийманы батирине ээрчитип келди, көрсө ал күнү Кадырбек келмек экен. Дасторконун жайып, тамагын асып (койдун ич этин) коюп, салат менен вареньелерин койгон. Андан башка ак суу менен бир бөтөлкө дагы орун алган.

- Ай Кадырбек, сен ары чарпылып, бери чарпылып көрдүң, ортодо аялың дагы тоскоолдук кылбаганда жапжаш менин кайынсиңдиме үйлөнүп күйөө бала болуп калмаксың, эми бул Алийма экөөң эле баш кошуп албайсыңарбы? - деди Тумар стакандарга арактан куюп атып.

- Биздин ойноштугубуз эле жетет ай, - Алийма Тумарды аягына чейин сүйлөтпөй сөздү бура качты.

- Туура айтат Алийма, биз үйлөнбөйбүз, ойнош боюнча калабыз! - Кадырбек аны коштоп койду.

- Кызык экенсиңер ой, - Сүйүнбек корсулдап күлүп койду, - Ойнош деген калат да, үйбүлө деген жакшы.

- Ай Сүйүнбек байке, биздин ойноштугубуз алда качан калган, биз азыр жөн гана тааныштар катары отурабыз, ал эми Тумар менен курбулук жайыбыз бар эмеспи?

- Койсоңчу Алийма, биздин ойноштугубуз эч качан бүтпөйт! - Кадырбек калжаңдай кетти.

- Койгула анда, алдыбыздагы мынабу мүрөктүн суусу кылтылдап муздап баратат, келгиле алып ийели, биздин бүгүнкү кайрадан жолугушуп чогуу отурганыбыз үчүн, ушул жердеги отургандарга денсоолук, узун өмүр, ырыскы, бакыт-таалай каалайм! - Тумар колундагыны көтөрүп алып ийди.

- Өңгөнү койчу ай, деги өлкөбүз оңолуп кетип, башчыбыз эл үчүн күйгөн адамдан болсунчу ээ?

- Туура, биз го жашап калдык, балдарыбыздын келечеги кандай болот деп азыркы кезде кыргыз эли түйшөлүп аткан учуру, - Сүйүнбек кайдыгер коштоп койду.

- Мына биз болсо бир топ жашап койдук деген менен, өзүбүздү али жаш сезип, минтип дасторкон жайып ойноп-күлүп отурабыз. Азыр кээ бир үйбүлө күнүмдүк нанын таппай кыйналып атат, ал эми өкмөттүн айланасындагы, бизнестеги жолун тапкан мыкчегерлер, бардар адамдар балдары үчүн баарын камсыздандырып коюшкан, эй!

- Ал үчүн биз өмүрүбүз өткөнчө бардык нерсени, тапканыбызды балдар үчүн даярдашыбыз керек!

- Эмнени даярдайбыз, бар тапканыбызды ичип-жеп жүрсөк, тыңгылыктуу иштеген ишибиз болбосо? - Алийма күйүп жатып сүйлөп жатты. Бул кезде баары тең орто кызуу болуп калышкан эле. "Сенден-Менден" болуп атып төрт бөтөлкө ичкенден кийин дагы аз болуп калды көрүнөт, экөө ара бирден арак алмай болушту. Сүйүнбек менен Тумар биригип алды эле анысы ичилип бүтүп, Кадырбек менен Алийма экөө дагы бирди алышты. Баары кызуу болуп калды, Сүйүнбек жатып алды. Аны Кадырбек да, Алийма да тургуза албады. Алийма өтө эле мас болуп калган. Ошол кезде мастыкка салып митаамдык менен Тумар менен Кадырбек дагы узунунан Сүйүнбектин жанына жатып бири-биринин бутуна бутун тийиштирип акырындык менен жакындаша баштаганын ажатканага барып кайра кирип келе жаткан Алийма көрүп ошол жерден чаңкылдап кирди:

- Тумар, эгер ошондой эле Кадырбек сага керек бол-со, баш-шында эл-ле тий-ип ал-байт бе-лең, ыя? - дегенде ордунан тура калган Тумар Алийманы жулмаламак болду:

- Эм-мне де-еп ата-ссың ай! - ордунан зорго теңселип, жоолугу түшүп чачтары саксайган, эки колун Алийманы көздөй арбайтканда Кадырбек ортого түшө калды.

- Эмне болуп кетти?! Тумар, бар жатчы! - деп босогодо ыргалып зорго турган Алийманы ары колтуктай басты.

- Сага эмне болду ыя? Ал өзү эле мени азгырып атпайбы, ага эмне мынча чычалап атасың?

- Ушунуңар жакшыбы, Сүйүнбек байке уктап атса ошонуңар кантип болсун?

- Өзү ошондой аял болсо эмне кылабыз? - Кадырбек Алийма менен короодон чыгып кетээрде Сүйүнбек менен Тумар чыга келишти. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен неме эч нерсени байкабай бир аз уктаганга эс ала түшкөн экен.

- Ой силерге эмне болду ыя, кой жүргүлө, оокат бар, арактан да бар экен, ичебиз атасынын көрү, жүргүлө! - деп болбой кайра үйүнө ээрчишип кирип дасторкон четине отурушту. Кайрадан жүздөн кагыштырып ичип отуруп Тумар менен Алийма уруша кетти. Алийманын тили болгон менен кол салып жулмалашканга ыгы жок эле. Тумар тура калып аны чачынан алып жоолугун чапчып, чаап жибергенде, Алийма бакырып койо берди:

- Жалап, жалаптыгыңды билбей эмне чычалап атасың, бети жок жалап шуркуя, эриң туруп эрге тийген акмак!

- Менин жалаптыгымды кайдан көрдүң ыя? Сен тазасыңбы?!

- Мен сенчилеп эримдиби, ойношумдубу уктатып коюп башка эркекке көз артпайм, сени тойгузбай атабы күйөөң ыя, жалап!

- Сенин тийип алган эриң беле кызганчудай, анча эмне кызганасың, мен тийишкен жокмун, карасаң ой кайдагыны айтат да? - деп беркилерге карады.

- Кой силер чогуу отура албай калыпсыңар, биз кеттик, - деп Кадырбек Алийманы колунан жетелей сыртка чыгып баратканда Сүйүнбек:

- Эй энеңдурайын, сен чын эле түлкүлөнүп атасың! Алийма калп жерден сени жалап деген жок да, ушундайыңдан эриңден ажырашпай туруп мага жабышып тийгенсиң да? - деп сөгүнүп калды.

- Ошол балакетимди алсын, айта берет да, - Тумар сыртка жүгүрүп чыгып, - Азыр ушул жалаптын бетин тытып колуна салбасамбы! - деп келатып бирдемеге чалынып жыгылды, - Өлүгүңдү көрөйүн, сениби, көрсөтөм жалапты! - турайын деп келатып отуруп калды, - бутум, оой бутум! - Сүйүнбек үйдөн чыкты.

- Эмне болуп кетти? - Тумардын бетин бирдеме чийип кеткен экен, сызылып кан чыгып туруптур. Ошондо кетип бараткан Алийма артына кайрылып:

- Кудай ошентип көрсөтсүн, төбөбүздө карап турган жалгыз кудай, акмактарды ошентип жазаласын! - дегенде Кадырбек анын оозун басып колтуктай короодон чыгып кетишти.

- Сен мени неге кызганасың? - Кадырбек жылмая сурады.

- Кызганып эмне кылам эй, экөөңөрдүкү жакшыбы, жанында күйөөсү жатса… Бул эрин тойгузуп коюп ушинтип башкалар менен жатып алса сабап, токмоктоп урчу окшойт, Сүйүнбек урбайт да, ичсе шилекейи чууруп уктап калса өз билгенин кылып жүргөн неме тура.

- Ой өзүңдүн колуңдан келбесе, эбин тапса ойной берсин!

- Өлүп кетпейби, ушундай аялды алып жүргөн эркекке рахмат!

- Кой, жүрү маршруткага түшөлү да үйгө кеттик.

- Мен барбайм, үйгө эле кетем, - Алийма жол жээктей басты.

- Барасың, таарынбачы эми, ошону эмне кылайын, өзү азгырып туруп алат.

- Өпчү жеринен өөп, сокчу жерин жакшылап согуп койгондурсуң да, аял деген кыныгын алып өз күйөөсүнө ыраазы болбосо ошентип башка эркекке жабышат.

- Сен ошенттиң беле?

- Мен күйөөм менен жашап жүргөндө мындайды көргөн эмесмин, анда кайдан ушинтип бөтөн эркек менен жатмай?!

- Тумар өзү эркекти азгырып турат экен да? - Кадырбек жымыңдап койду.

- Көрүнүп эле турбайбы, болбосо мен эчтеке менен ишим жок эле жүрдүм эле, кайдан да пайда болду десең, алмасы өтпөй кыйналганынан жакшылык кылып батириме батырдым эле…

- Жүрү Алийма, кеттик, - Кадырбек аны колунан тартып чоң жолго карай басты.

- Койчу барбайм, биз эбак эле бүтүрбөдүк беле?

- Кайдан бүтмөк эле, биздин сүйүүбүз эми башталып атат го?

- Ык, - деп койду Алийма жактыра бербей, - Сүйүү дегенди булгап сөз кылбай эле койгонубуз жакшы.

- Эмне болот экен, ойноштордо сүйүү болбойбу?

- Болдучу!..

Тартышып атып акыры жолго жетти, маршрутка токтоп түшүп кетишти. Экөө кирип эле туруп калганда эки жаш кыз орундарынан туруп берди. Отургандан кийин экөө тең шалкылдап уктап кетти. Эртеден бери ичкен арак тарап баштары ооруй баштаган. Адатынча Кадырбек камокко барып бир бөтөлкө арак менен рожки, май, консерваларды көтөрүп жетип келди.

- Тур Алийма, баш жазабыз, - дегенде ал ордунан зорго туруп эшикке барып жуунуп келди.

- Ай биз алкаш болуп баратабыз, сени го эркек дейт, уят эле мага, кой ушундан кийин ичкенди токтотпосом болбойт, - араң сүйлөп атты Алийма, жүрөгү айланып зорго эле отурду.

- Мен да ичпейм, кел экөөбүз тең ичпейбиз, - Кадырбек күлө карады.

- Сен эмнеге, ичкен убакта иче бер, аял кишиге ушинтип ичип жүрүш өтө жаман да, элестет маршруткаларда ээрчишип мас болуп жүрүштү.

- Кээде кээде ичип койсо эчтеке деле болбойт, күндө ичип жаттык беле?

Ошентсе деле, мындан ары мен чын эле ичпейм! - Алийма бир стаканды ичти да жатып алды. Эч нерсеге көңүлү жок. Үйүнө кетейин дейт басып жүрө албайт, мууну калчылдап зорго турган. Тамак жасап ичишти да, кайра жатып алды. Кечке жатып бир аз эс алып эми кетейин деп турганда Сүйүнбек менен Тумар келип калышты. Сырттан кобураган добуштарды угуп үнүнөн таанып эле: "кетип калайын" деген ойдо чыга бергенде аларды баштап Кадырбек үйгө кирип келе жаткан экен.

- Ой кандайсың Алийма, кечээкилер үчүн кечирим сурап коёлу деп келдик, эми мастыкта боло берет да, - деп Тумар жойпуланып кирип келип Алийма менен учурашып төргө өтүштү.

- Ушул аялдар кызыксыңар да, заматта эле урушуп кетесиңер, - деген Сүйүнбек анын артынан өтүп отура кетти, - Болбойт да ушунуңар, жакшы жүрүп эле бири-бириңерди карашпай калсаңар.

- Ошону айтсаң, эмне болуп кеткенин да билбей калдым, анан аябай ичип коюптурбуз да, - Кадырбек да коштоп койду. Чыгып бараткан Алийма артына кайрылгысы келбей:

- Мен кетип аттым эле, - деп кыйыла калганда Тумар туруп келип:

- Ээ дос, кой таарынба, мастыкта экөөбүздөн тең эле кетти, биз кечиримдүү болбосок болбойт да, атайы алдыңдан өтүүгө келгенбиз, - деп сумкасынан бир бөтөлкө арагы менен кошо салат, вареньесинен ала келиптир, - мына, дагы бар.

Алийма негизи ак көңүл, ичинен: "мейличи, адам баласы ушул тура, урушат, кайра табышат, көтөрүмдүү болоюн" деп ойлоп кайра жазылып кетти. Өз үйүндөй дасторконун жайып, болгонун койду. Кайрадан баягы жүз граммдан ичип отуруп, анан чогуу эшикке чыгышты. Үйдүн артындагы ээн жакка барышып, көк шиберге отуруп айланага суктанып атышты. Закуска менен бөтөлкөсүн ала чыгып ал жактан да ичип киришти. Түн кирсе да отура беришти, бакылдап-шакылдап. Булар чогулганда сөзсүз ортолорунда арак болбой койчу эмес. Эмеле "ичпейм" деп аткан Алийма кайрадан кызуу. Бир убакта жатууга кезек келип Тумар:

- Биз ушул жерге эле жатабыз, карачы табияттын сулуулугун, жылдыз санап Сүйүнбек экөөбүз тээ артта калган жаштыкты бир эстеп алалы! - деп шакылдады.

- Ооба, Тумар колунан келсе он бешке эле чыгып алгысы келет, айласы жок, - деди Сүйүнбек корсулдай күлүп.

- Жаштыкты кайрып алуу колдон келе турган иш болсо, ар бир эле адам кайрып алмак, бирок жүрөк карыбайт деген чын экен да? - Алийма күлүп үйдү көздөй басты, - Жакшы жаткыла, кереметтүү дүйнөнүн кызыгына батып чындап эле жашарып кетсеңер ажеп эмес.

- Ошондой эле болсо кана? - Тумар алдыга салган төшөнчүлөрүн оңдоп жата кетишти. Кадырбек экөө үйгө кирип жатып калышты. Жашоо дегениң адам баласына кызык көрүнүп картайып баратса да моюнга албай ойноп күлгүсү келе берет тура чиркин. Алды элүүдөн өтүп калса да төртөөнүн ойноп күлүп: "күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей ченемдүү, өп-чап өтүп аткан жашоолорун алаксыткысы келет. Болбосо ашыкча дөөлөтү, таап аткан кирешеси болбосо, заман улам бир жагынан кысып, балдары биринин артынан бири бойго жетип, чоң ичип, чоң кийе баштаганда Тумар менен Алиймага жин тийдиби? Тумар айылында эле аракты жакшы көрөөрүн уккан Алийма. Өзүчү, өмүрүндө атайы арак алып ичип көргөн эмес. Болбосо "Манастан Чубак кем бекен" деп күйөөсү аял алып алганда ал дагы өз айылынан бирөө менен жетелешип келген. Анын иче берип тажатканынан бир жыл мурун кетирип ийип жашоосун тынч өткөрүүгө бел байлап, болгон тапканын балдарына арнамак болбоду беле? Эмичи, эми таңды тозоору менен арак менен баштап, жаткыча арак ичкени ичкен. "Тобоо, аракка көнүп кетиш оңой эле турбайбы", деп ойлоп алат ичинен. Ачыла элек китептин барагына окшоп улам эртеңинен үмүтү жанып күндөр өтө берет тура. Алийма кобураган үндөрдөн ойгонуп кетти.

- Ай-ий ай, жашарбай куруйун, ичикий, түнкүсүн эшик суук болот тура, тоңуп калдым, - деп Тумар менен Сүйүнбек төргө төшөк салып жатып калышты.

- Сен эле болбойсуң, болбосо менин эшикке жаткым деле келген эмес, - Сүйүнбек күңкүлдөп жатып алды. Кадырбектер диванда жатышкан. Таңкы саат төрт болгон экен. Алийма кайра уктап кетти. Башынын ооруганынан сүйлөгөнгө көңүлү келбеди. Көзү илинип кеткен экен, уйку-соонун ортосунда шыбыраган үндөн ойгонуп кетти. Жанында жаткан Кадырбек жок: "эшикке чыккан го" деп үндөбөй жатып калды. Бир кезде ал Алийманы уктап атат деп ойлоду окшойт, өйдө болуп диванга чыкты. Алийманын бир ачуусу аябай келди: "өлүгүңдү көрөйүн жалап, жанында эри жатса ушул кантип болсун, ушундай да аял болот экен да, мунун эри же эчтекеге жарабайт окшойт", деп жаткан боюнча кыймылсыз жата берди. Баарынан көңүлү калды. Бир кезде Кадырбек эч нерсе болбогондой аны акырын кучактай колун артып жабыша баштады. Алийма ары бурулуп жатып алып: "бети жоктор, Сүйүнбектин шекшип жүргөнү чын тура, атайын ушуга ээрчитип келсе келе бергенин, көңдөй баш! Балким өзү жыргата албаса атайы ээрчип келет окшойт да, билмексен болуп жата берет окшойт" деп жандүйнөсүнүн эзилип жатканына кейиди: "Эрим болгондо башкача болмок, эми булар менен экинчи катышпайм, экөөнүн ортосуна жүрө берсин" деген чечимге келип ойгоо ойлонуп жата берди.

- Алийма, кел бир таңкы оюнду ойноп албайлыбы? - Кадырбек Алиймага шыбырады.

- Чарчаган жоксуңбу? - Табышмактуу шыбыр менен жооп берди Алийма.

- Эмнеге чарчамак элем, ал өзү чыгып алып желип атса.

- Ошондой эле опуттуу бекен?

- Эми укмуш, сенде андай кылыктар жок да, тамаша! - деп алды Кадырбек тайсалдай, - эмне, уктабай аңдып жаттың беле?

- Аңдып эмне кылам, ойгонуп кеттим.

- Мейли, кызганбай эле койчу, ээ?

- Сенин эмнеңди кызганам, алдагы музоо башты ойлоп атам, "аялым бар болсо болду, эмне кылса өзү билсин" деген кайдыгерлиги кызык экен.

- Анын кереги эмне, биз өзүбүздү эле ойлойлучу, унчукпа эми, билмексен болуп кой..

- ?...

- Аялдардын баары сендей болсо кандай жакшы болмок, алтыным десе, же эрте жолукпай, экөөбүз бириксек жашоодон өкүнбөй өтмөк экемин, эми баары кеч, сенин балдарың бар, балдар турганда сен мага жар болгон күндө да алагды боло бересиң, кыйнамай жок, кааласаң огородго там салып берем, батирге төлөгүчө бекер бул жакка балдарың менен жашай бересиң.

- ?...

- Эмнеге унчукпайсың?

- Эмне демек элем…

- Мейли көңүлүң келбесе сүйлөбөй эле кой! - Аңгыча таң агарып кетти. Алийма турду да кийинип жөнөп кетти. Кадырбек унчукпады. Анын ызаланып кеткенин Кадырбек билди, унчукпады. Сүйүнбектер туруп жуунуп келип кайрадан баш жазып алып жумуштарына жөнөмөк болду.

- Алийма эмнеге эрте кетип калды?

- Эки күндөн бери үйүнө бара элек болчу, балдарынан кабатыр болуп кетти окшойт.

- Ой, кызы чопчоң эле неме го, небересинен эле чыга албай кызы да иштей албай калат десе керек?

- Өзү билет да, менде андай оору жок, өзүмдү гана бакмай.

- Кой дос, биз да кетели, - Сүйүнбек да Тумардын артынан чыкты.

- Жакшы баргыла!

- Давай!

Аларды узаткан Кадырбек жолго чейин кошо чыкты, көпкө дейре жол боюнда туруп анан үйүнө кирип кайрадан жалгыздыктын кучагында калды. Ошол күнү гезитке иштешип жүргөн, азыр иши жакшы жүрүп аткан Жолчубек келип калды. Кадырбек адатынча диванда түкүрүнүп, мусорканы жанына коюп алган. Ал келгенде ордунан туруп отуруп калды.

- Кел Жолчубек, сенин үйлөнгөнүңдү угуп барып келели деп аттык эле.

- Барсаңар баргыла, эшик ачык, бараарыңарды алдын ала айтып койгула.

- Сөзсүз да, айтып анан барабыз.

- Иштериң кандай?

- Жакшы эмес, банкрот.

- Кадырбек, катуу айтсам кечир, Алийма эжени бекер колдон чыгарып атасың, жаман аял эмес, үйлөнүп алсаң болмок.

- Оой Жоке, үйлөнгөндө балдары турбайбы, балдарынан чыга албайт да ал.

- Кызык, анан балдарын таштап коймок беле, балдарын да карасын, сени да карамак.

- Жоке мен кыз аламын, бакыт үйүнө алып барып бир үлпөт өткөрсөм дейм, ансыз да Гуляны эки кызы менен алгам, өмүрүмдө кыз алайын деп ойлогом.

- Кыз алганда ошончолук машакаты бар да, калың төлөп, тозо ала турган кудуретиң барбы анан?

- Табылат да?

- Өзүң билесиң, тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт дейт.

- Пешенеге жазганды көрөм да, Жоке.

- Аның туура, эми сен жаш эмессиң, өз тагдырыңды өзүң чечесиң.. Мындай менин келгеним, мени менен иштешкиле, Алийма эжени айына үч миң сомго иштеп бер деп айтайын деген элем, сен дагы бир жагын жетектеп бер.

- Жоке, мен көз каранды болбой эле жүрө берейин, рахмат, - деп Кадырбек ага макул эместигин билдирди.

- Өзүң бил, кийин дагы бир жолу иштешкенге чакырган жоксуң деп таарынбай турган болсоң болду.

***

Кадырбек иши жүрбөй деми сууп отуруп калгандан кийин абдан чөктү. Ичип жатып алды. Бул арада Алийма дагы келбеди. Сүйүнбек менен Кадырбек бир жолу уруша кетишти. Сүйүнбек аны муштап жиберген экен, аябай ыза болду. Үйүнө келип көзүнүн көгөрүп кеткенин көрүп бир орунга отура албай басып жүрдү. Ошол күнү ал Алиймага барып аны ээрчитип келди. Экөө отуруп алып ары ойлонуп бери ойлонуп отуруп: "Ээсин тепкен эшек" деген тамсилди даярдап аны өзүнүн гезитине басмай болушту. Анын гезитин бул убакта Үсөнбек чыгарып аткан болчу. Эртеси эле "Ээсин тепкен эшек" деп гезиттин тең ортосуна орун алып жарык көрдү. Ал тамсилдин мазмуну мындай болчу:

"Апендинин абдан жоош, көзү чала көргөн эркек эшеги бар эле. Ал үндөбөй акырдан жем жеп, ал турсун ээсинин тамагын талашып ичээр эле. Жүк көтөрүмдүүлүгү абдан жакшы, лөкүйүп жүрө бере турган. Анан сугалак болчу. Бир күнү ошол эшек эки кулагын шалпаңдата, мурдун дердеңдете айкырып алып, ээсине шыйпаңдай:

- Мен катын аламын, мендей эшектер коделектерин ээрчитип жүрөт, мен дагы үйбүлө күтүшүм керек, - деди.

- Макул, сага ылайык ургаачы эшектер бардыр, табабыз, - деди ээси аны жонунан сылап.

- Качан? - деди башын кыйшайта көздөрүн аңтарылта, кулактарын шалп-шалп эттире.

- Бир таанышым бар, барып көрөм, - деп ээси эшегине кашектен салып коюп үйүн көздөй басты.

Айткандай эле аркардай көзү жайнаган, ага чейин далай эшекти жайлаган, эки коделеги бар сулуу ургаачы эшекти тапты. Каран калгырдыкы, ушул тапта эшектердин да баасы көтөрүлүп кеткенге өз баасын билет окшобойбу, өзүнүн сулуулугуна манчыркаган неме ашкере бой көтөрсө айлаңды таппай калчудайсың. Өзү да бай турат экен. Эки баласы менен үстүнө киргизип алды. Тээ союздун учурунда эшектер талаада эле жүрчү эле, заманга жараша алар дагы кадыр-баркка бөлөнүп, үй күткөнгө жетиштир. Баягыдай кураган кашектерди кажыбай карды тоюп, жегени колбаса, ичкени коньяк болду, кирип чыгып кичинекей коделектерди карагандан башка жумушу жок, зерикти. Көргөнү телевизор, пультту басып коюп чандайып жаткандан башкага мойну жар бербейт. Кечке сулуу аялы жумушта болуп кечинде келет, адамдар сыяктуу эле бул эки эшектердин да сүйүү романы болот экен, коделектери жаткандан кийин эле бири-бирине сүйкөнүп, көздөрүн сүзүп болбой калышат. Ошентип аркандай болгон сулуунун деми аны суутуп, же карды тойуп, үстүндөгү жоору айыкканга эрдемсидиби, бир күнү ал кайра эле баягы ээсине келип калыптыр.

- Ой сага эмне болду? - деди ээси эшегин ача коюп эшегин көрүп.

- Мен эркин болгум келет, керээлден кечке коделектерин карап эки жакка чыкпай жаман болдум, андан көрө сенин акырыңдагы кашекти кажып эле жата берейин, - деди башын жерге салып.

- Мейли өзүң бил, катын алам дедиң, алып бердим, эми өзүңдөн көр, - деген үй ээси аны көнгөн акырына тим койду. Күндөр өтө берди. Кайрадан катын алгысы келди, ургаачы көрсө мурдун дердеңдетип, куйругун шыйпаңдатып, кулактарын шалпаңдата айкырыкты салып кирет. Ошентип жүрүп жүндөрү самсаалаган, ар кайсы базарлардагы калган алманын бөчөктөрүн кемирип зорго жүргөн ургаачы эшек менен бат эле "сүйүшүп" калды. Ээсине келип:

- Эми ушуну менен түбөлүк жашайм, сулуусунан жылуусу, мунун коделеги жок экен, - деди.

- Жакшы болот, коделеги жогу жакшы экен, кокус коделектери келип калсачы?

- Ой жо-ок, келбейт деп атат, - деди эдиреңдей.

- Бактылуу болгула, - деп узатып койду. Өздөрүнчө жашап, сүйүү менен кошо сооданы да кыла башташты. Жүдөңкү болгон менен тың чыкты, мунусу. Ээрчишип соода кылышат, баягы калдыктарды жеп жүргөн эшек деле төгүлгөн алмаларды көргөндө көздөрү кызарып, бирок түгөйүнөн уяла басып кетет. Заманга жараша жан жаныбарлардын да оокатын өткөрүүгө базардан башка айла жок эмеспи. Экөө ээрчишип Бишкектин ичинен бир батир жалдап дүңсоодага да чыгып калышты. Дүңсоода кылып атканда баягы көп жыл акырынан жем-чөп жеп жүргөн ээси келип калды.

- Ой кандай, бул сен оңолупсуң го? - деди оюнда эч нерсе жок эле.

- Оңолбогондо, эмне менин жаман экенимди көрдүң беле? - Мурдун дердеңдете эдиреңдеп бир тийди.

- Деги айтам да, катының дурус окшойт?

- Дурус эмес, жакшы десең!

- Туура, туура, жакшы экен.

- Сен эмне эле мени тескери сурайсың, ыя? - деген эшек бир кезде ээсин тескери карап туруп арткы эки бутун көтөрүп шак эттире тээп калды.

- Ой, сага эмне болду?

- Сен менин жакшы катын алганымды көрө албай атасың.

- Маа десең Айчүрөк болуп кетпейби, бир эсиңе алып кой, сен эшексиң, эшектен эч кандай Айчүрөк чыкпайт! - деп терс бурулуп басып кетти ээси.

Ошентип сүйүшкөн эки эшек өздөрүн дүйнөдөгү эң бактылуу деп эсептеп көңүлдөрү тына баштаганда ургаачы эшектин бир коделеги келип калбаспы. Күйөөсү сыртта жүргөн. Кирип келип эле:

- Ой бул ким? - деди сүйүктүүсүнө.

- Бул менин ургаачы коделегим.

- Эмнеге келдиң, сен эч ким келбейт дебеди беле?

- Койчу жаным, мен сүйүүдөн жарды болуп жүрөк сүйгөнүмдү издеп жүрүп арып-азганда тапкам сени, бул чоңоюп калды, өз жемин өзү табат, - деди көздөрүн сүзө эрине кылыктана айкаша түшүп айкырып койду.

- Ыкы-ы, эми мейли, мындан башка келбейби?

- Келсе келер, келбесе көрөбүз да жаным, сен мени сүйсөң, менин коделегимди кошо сүй да?

- Эх-ээ, жойпусуң ээ, мейли, ушунча жыл бойдок жүрдүм эле, сени чындап жактыргам, айтканыңа чара жок, бирок эсиңде болсун, жем издеп тапканга үйрөт.

- Ал сөзсүз да, жан биргем, - ого бетер кылыктана күйөөсүнүн көнүп бергенине ыраазы болуп мойнунан жыттап койду. Ата-аңдын гана көрү, ушул тушта адам эмес айбан эшектердин бири-бирине эркелеп, моюндаша жытташып турганын көргөндө эрксизден макулуктардын махабатына тең бересиң. Ошондон баштап баягы ургаачы эшектин дагы үч коделеги келип калды! Кудай урсун, эркек эшектин ачууланганын айтпа, айкырып-айкырып, кулактарын талпаңдата жерди чапчып барып өзүнө келди. Кокту-колоттордон азып-тозуп келген коделектерди ургаачы эне байкуш эптеп күйөөсүнүн заарына чыдап батырууга далалаттанат. Баягыдай талаа-түздөн жем таап отточу эшектер эми өздөрүнчө камыр-жумур болуп жаныбарча жашоонун жолуна түшүп замандын агымына жараша оокаттарын өткөрө башташты, ата-бабалардын: "эшегине жараша тушагы" деген сөзүнүн калети жок белем, кечээги сийгек эшек менен кашек кажыган эркек эшектин мурундары асманды карап тыңсына, көз караштары башкача боло баштаган. Бул замандын, айрыкча экономика дегениң, демократия айбан эшекти да эркин жашоого көндүргөнүнө ыраазы болуп кетесиң эй!"

Бул тамсил эч кимге билинбеген менен тигил экөөнүн кыйла эле кадырына доо кетти белем, ошентсе да сыртынан күлүп, ичинен күйүп өз иштерин өткөрүүгө аргасыз болушту. Бул бири кем дүйнөдө эмнелер гана болбойт, аттиң. Жашоодо көп нерсеге далалаттанып, максатың үчүн кара жаныңды карч урсаң да кээ бир адамдар турмушунан, жашоосунан аксап, жедеп баарынан көңүлү калып: "кечтим байдын кызынан" дегендей кээси өзүн тагдырдын таразасынан өтө албай таштап коёору бышык го? Алийма кээде отуруп: "тобо-оо, омбу-домбу, жаман-жакшыны ылгабаган кээ бирөөнүн жетишип жашаганы, бирок адам кадырын билбей жүрөк оорутканы, кээси акыл ээси, өң десе өңү туруп жараткандын бир тамчы бакытына зар болуп өткөнү не деген теңсиздик" деп ичтен сызып алып өз жашоосунун өңүтүн башкага бургусу келди. Анын бир жаман адаты - эркек эле болсо ээрчип кетчү аялдардан эмес эле. Канчалык сени өзүнө тарта кучагынан орун берип турган эркек сенин дилиңди, жүрөгүңдү түшүнбөсө ага эркектин эмне кереги бар. Андай эле ургаачы менен эркектин мамилеси керек болсо бир түнөгөнгө таап алуу оңой! Бирок анын кызыкчылыгы кайсы? Иттерче көрүнгөн жерден чагышып коюп басып кетүүгө анын абийири чыдабады: "андан көрө өлгүчө кулпулап өтөм" деп баарынан көңүлү калды да, болгон күчүн, эмгегин, балдарына жумшамак болду.

***

Батир акысын төлөй албай жүз элүү сом табуу кыйынга турду. Ошол кезде ичинен кан өтүп төшөктө жатты. Ооруп калды. Ой-санаа деген адамды ооруга чалдыктырат деген чын экен, соо туруп оору болду. Бир күнү ага бирөө:

- Ай, бекер үй бар экен, каалга-терезеси жок экен, ар ким эле кирип алып жатат, - деп калды.

- Койсоңчу, ушул кезде, "итканасын" батирге берген убак болсо бекер үй кайдан, - деп көңүл бурбады.

- Чын айтам, бекер эле жашап атышат, мен көрүп келдим, акчасын бергенден кыйналып атсаң көчүп кетип кал да, - деп тигил ага болбой эле айта бергенинен: "айтканы чын болсо эптеп көчүп кетип калайын" деп ойлонуп калган Алийма:

- Ошол үйдү көрсөтүп койчу, - деди аны үмүттүү карап.

- Көрсөтсө көрсөтүп коём, - деди ал. Экөө ээрчишип келсе эшик-терезеси жок бүтпөгөн үй экен. Бирин-серин жашаган элдерден сураса бош бөлмөлөр бар экенин айтышты. Кубанган Алийма үйүнө барып жүгүн таңып адегенде кийим-кечесин, көтөрүшүнчө идиш-аягын, казан алып үйдү ээлемек болуп кетти. Жууркан төшөгү менен калган идишин эми тачкага салып атышканда батир ээси келип калбаспы:

- Силер качып кетип атат дегенинен басып келбедимби, бул эмне кылганыңар?

- Акчаңарды бере албасак, кетели дедик, кийин акча болгондо алып келип берем, - Алийма күнөөлүүдөй жооп берди.

- Уят да ушул, силер кетсеңер балээге алып келип бермек белеңер, билем кайрылып келбейсиңер, - булкулдаган кожоюн аял тачкадагы буюмдарды түшүрүп кайра бөлмөгө өзү киргизип атты, - Кетсеңер кете бергиле, мен жүгүңөрдү бербейм.

- Кой эми сиңдим, жүз элүү сомду алып келип берем, бизди түшүнүп кой…

- Эч кандай түшүнбөйт экемин да, качан алып келип бересиңер, анан алып кетесиңер!

- Ага чейин эмнени төшөнүп жатабыз, сен бизди деле түшүнүп койчу, сөзсүз алып келип берем.

- Бүжүрөп каласыңар, акчасын бергенден ичиңер ооруйт, бар бара бергиле, силерге окшогондор талаада түнөп жүрөт, жашай бергиле, мен эчтекеңерди бербейм! - Булкулдаган отуз-отуз бештердеги аялдын оозунан ак ит кирип көк ит чыгып атты..

"Аттиң, адамдын адамдыгы эмнеде, бирин-бири кордоп, жокчулук жонунан кайыш алып турганда минтип ооруп турган көңүлдү чөгөрүп, барча-барча тилинген жүрөктүн канын сыгып, кайрадан бычак уруп турганы пендечиликпи?" Алийма турган ордунда сөз айталбай теңселип кетти: "Кайдан да гезитке бара койдум эле, кичинекей столдо соода кылып жүрүп кийсе кийимиме, ичсе тамагыма жетип, ал турсун кассам бар эмес беле, ушинтип оозго алгыс сөзгө кабылдымбы?" деп зээни кейий ары басты да кайра бир нерсе эсине түшө жулкулдап-булкулдап жаткан кожейкесине келди.

- Мейли, эчтекесин бербесең кой, бир дептерде ырым бар эле, ошону берип койчу?

- Айтпадымбы, бербейм, эчтеке сурабагыла, качан акчаны алып келесиңер, аласыңар!

Алийма башка чапкан эмедей артына кайрылып эптеп тозуп койгон чабырадан чыга жөнөдү. Эми батир дегени.. Шаардын чок ортосундагы "заводской" деп аталган чакан айылдын батирдегилеринин көргөнү курусун. Жакшыраак болсо да ыраазы болосуң, эс алып отурсаң да таза үйдөн көңүлүң көтөрүлүп, чарчаганыңды унутуп калат эмессиңби? Ичи кара шыбак, терезеси тоок кепеникинен айрымасы жок, каалгасы кыйчылдап ачып жапканда мээңди жеп, кышкысын суук арылдап кирип турат. Көчүк тегеренбеген бөлмөгө күнүмдүк тамак-аштан зорго ашырып, жетип-жетпей, өлбөстүн күнүн көргөн бечаралар гана муктаж болот. Кокус справка керек болуп квартальныйга барсаң бербейт: "Силердин кожоюнуңар карыз, ошону берсе биз силерге справка беребиз" дешип. Алийма ушулардын баарын ойлонуп баратып жаңы "конушуна" келди. Эшик-терезени бекитпесе эки күндө суукка урунуп оорулуу боло турган. Аркыраган суук терезеден кирип эшикке чыгат. Тирүү жан эмеспи, тааныштар табылып, ал жердегилердин кээ бирлери менен ымалалашып терезе менен эшигине эптеп чүпүрөк калкалап алып жашап калышты: "Оо жараткан, өмүрүмдө адамга жамандык кылбадым, ушак айтып уурулук кылбадым, эмне күнөөм үчүн ушинтип азапка салдың, же Кадырбектин бутумду кучактап кетпей эле кой деп айтканына көнбөгөнүм үчүнбү, же күйөөмдөн өз эрким менен арыз жазып ажырашып кеткенименби?" деп ойлонуп, бирок ойдун түбүнө жете албай, келгенден кийин үч күн болбой ооруп калды. Күйөөдөгү кызы келип, какаганга муштаган болуп анын боюнда да бар, өзүнүн ачка болгонуна кайыл болгон Алийма ошол кызынан чоочулап, болгонун өнтөлөп жүрдү…

***

- Аа-аа, саламатсызбы, Акбари үйдөбү? - Жапар тайсалдай туруп калды.

- Кел, кел айланайын, ал үйдө жок эле, бир жакка кеткен.

- Кечирип коёсуз, анда бул гүлдү коюп коюңуз, мени келип кетти деп айтасаңыз…

- Макул айланайын, келсе айтып коём, - Батма эне Жапардын колундагы гүлдү алып эшикти жаап ичке кирди, - Олда-аа айланайын ай, ушул жигитти өзүң эле келбей жүр деп койсоң болот эле го? - Эне наалый кыпкызыл болгон розаны көтөрүп киргенде Бекмуратын ичи тыз этип алды: "кашайгырдыкы, деле ушул гүлдү унутуп калам, кыз сырын, көңүлүн алууну билбейт окшойм, балким бул дагы маданияттуулуктун бир сыры болуп жүрбөсүн, ал ушинтип гүл көтөрүп келип мунун жүрөгүн ойготуп жаткандыр?" деп ойлоп жиберди.

- Апа, ал кетип калдыбы? - Акбари апасына суроолуу карады.

- Кетпегенде… - ары барып гүлдү коюп келип, - Кызым, ушул жигит дегеле мага жакпай жүрөт, ушундайда токтот, анын үмүтүн жандырбай кайра өчүр, балам, сенин тынаар жерге барышыңды гана каалайм, жылтыңдаган неме сенин кадырыңа жетчүдөй эмес, өтө эле шыпылдайт.

- Койчу апа, бирөөнү эмне кыласыз антип, ал жөн эле келип жүрөт, андай деле ою билинбейт.

- Жөн келбейт балам, бир ою бар да, бир күнү чыркыратып туруп алып качып кетсе кантесиң? Басып кете албайсың - бата, куран деген бар, ойдо жоктон түшкөн жериңден бак тапсаң жакшы, сенин көз жашыңды көрбөсөк экен…

- Эмнеге ала качмак эле, менин макулдугумсуз алып кете албайт!

- Азыр сага чалма салып жүргөнүн сен кайдан билесиң? - Бекмурат жылмая сурап койду.

- Кантип эле, - Акбари Бекмураттан уяла эки бети кызара жерди карады. Үчөө бир үйбүлөдөй кобурашып көпкө отурду. Бекмурат аста Батманы карап кайра Акбарини көздөй бурулду эле, эне башка бөлмөгө чыгып кетти: "бирдеме айта албай турат, ушундай эле күйөөгө тийет да, айланчыктаганына караганда катуу сүйөт, оорулуу экенин көрүп туруп сүйгөн неме кадырына жетмек, деги кызым жаңылбаса экен" деген ойдо болду эне. Сүйүүнү бир кезде өзү да башынан өткөргөн, жалындап күйүп, алоолонгон махабаттын жүрөк толкуткан ырахатын көргөн, күйөөсү экөө бири-бирин катуу сүйдү. Ошон үчүн бир эле кыздуу болсо да күйөөсү өлөөр-өлгүчө "уулум жок" деп айтпай өттү го?! "Сүйүүнүн кайырчыдай жер кездирип, деңизге чөктүрүп, ысык аптапка кактаган сезими кимди гана азгырбаган, сүйүп көрбөгөн гана сүйүүнү түшүнбөйт" деп ойлонуп, түйүп аткан түймөсүн алып токуп кирди.

- Күкү, жүрү мындай чыгып келели, - Бекмурат Акбаринин колун кармай көздөрүнө карады, карады да карегин тартып алды, эмне деген гана көздөр, эстен тандырчу көздөр…

- Эч жакка баргым келбей турат… - Кыз да карегин тартып алды. Бекмурат дагы өзүнүн сулуулугун бир топ жигиттен өзү кыздарга көп жагаарын, анча-мынчалар өзүнөн сүрдөөрүн сезчү.

- Койчу Күкү, бир азга эле…

- Апам эчтеке дебейт, мен өзүм жооп сурайм, - Бекмурат анын жообуна сүйүнүп кетти: "демек каршы эмес" деп ойлоп колунан кармай, - Жүрү!

- Азыр, өзүм эле суранайын, - Акбари ордунан туруп апасы кирген бөлмөгө кирип кетти. Жүрөгү элеп-желеп болуп кубанычтан толкундаган Бекмурат тынчсызданып күтүп атты. Бир кезде гүлдөй жасанган Акбари көрүнгөндө ого бетер жүрөгү түкүлдөп төшүн тээп кармана албай жанына келген Акбарини бетинен өөп:

- Күкү, эмнеге мынча жасанып алдың, бирөөнүн көзү тийип жүрбөсүн, тим эле периште жерге түшүп, адамдардын арасында каалгып жүргөндөй болуп калыпсың!

- Коюңузчу, - Кыз назданып койду, - Ашыра мактабай эле коюңузчу, мен окшогон сулуулар жүрбөйбү, көптүн биримин да?

- Жо-ок Күкү, сен чанда жаралчу перисиң, сендей сулуулар жүз жылда бир жаралат, - Экөө эшикке чыгып кеткенин эне уурдана карап туруп: "Окшошкон арамдар, чын эле экөө тең бири-бирине куп жарашып калат экен! Ээ кудай, кызымды ушул жигитке кошуп коё көр, экөө бактылуу болуп жашаса экен, Күкүгө мээрим бере көр!" деп телмире босогодо бир топко турду. Батма эне өзү көп эле адамга кошула бербеген мүнөзү оор аял. Коңшу-колоңуна көп жылдап тааныш болсо да кирип чыгып мамиле кылбайт. Жамандык-жакшылыкта кирип чыгат, болбосо ушул үйдөн дүкөнгө, иштеп жүргөндө жумушуна барчу. Анан үйүндө түгөнбөгөн түйшүгү менен алек. Бул үйбүлөнүн ашыкча бүлөсү болбогондон кийин, ашыкча түйшүк деле жок, кыбырап үч маал тамагын жасап, кайра идишин жуумай, кир жууп, үйдүн чаңын сүртүп шыпырмай. Аялзатынын колунан келген ишин бүт жасайт. Колунан көөр төгүлгөн уз аял. Ушул Акбариге берем деп канча шырдак жасады. Кыздын себи начар болсо, килем-килче алып барса: "энесинин бармагы жок" деп кеп кылаар, сатып алынган буюмду атанын тапканы" дечү кыргызда бир кеп бар: "жалгыз кызым болсо, колумдан келишинче сеп берейин, атасы деле табышкер болчу, тапканымды көрүмө ала кетмек белем, көзүмдүн тирүүсүндө тынып калса үйдү өткөрүп берип койсом болот эле" деп ойлосо уйкусуз таң атырат. Кээде: "ээ кудай, ушунуңа тобо, дагы ушунчалык болуп адам катарына кошулуп калганына эле шүгүрчүлүк" деп кайра улутунуп алды да эшигин жаап тиричилигине аралашты.

Бекмурат менен Акбари жанаша басып под?ездден чыга бергенде алдынан Тазабек чыга калды. Кыздын жанындагы жигитти көргөндө жаман абалда калып бир демге кадам шилтей албай туруп, анан өтүп бараткан экөөнүн артынан аярлай:

- Акбари! - деди өзүн колго ала. Кыз бурула берди, - Мен сага жолугууга келген элем… - Жетип колун сунду.

- Эмнеге? - Акбари анын сунган колун албай каштарын жыйыра кабак бүркөй сурады.

- Мм, мен… сага…

- Кечиресиз, менин убактым жок, айта турган сөзүңүз болсо айта бериңиз, жашыра турган эч ким жок!

- Бир мүнөткө…

- Жок, мен сиз менен сүйлөшө албайм, - Акбари ошол учурда дароо Бекмуратты колтуктап алды, - биздин убактыбыз аз, - Бекмуратка карады, - Кеттик!

Экөө басып кеткенде Тазабек шалдайып туруп калды. Чынында Бекмурат үндөбөдү: "өзү жооп берип, эмне кылса да өзү билсин" деген ойдо эле. Акбаринин колтуктай калганы аны толкундантып ийди.

- Бул ким, Күкү?

- Менин классташымдын жигити… - Аста жооп берип кечээ Минура үйүндө отурганда айтканын эми эстеди: "Уятсыз, аны таштап мага өтмөк болгон го, жигити бар экен деп ойлосун" деген ойдо бир топ узагыча колтуктай келип бурулуштан колун тартып алды.

- Эмне болду Күкү, колтуктап баскың келбей калдыбы?

- Жок, жок, атайы тигинин көзүнчө ошентпедимби…

- А эмне үчүн, ал сага да сөз айтты беле?

- Жо-ок, бирок ошондой ою бар окшойт, кечээ Минура үйдө отурса мага айтып коюп кетип калып атпайбы, ал байкуш Тазабек мени күтүп атат, деп шашып чыгып таппай калды.

- Сен ага айткан жоксуңбу?

- Кантип айтам, жүрөгүн оорутуп, - Жай басып келе жатып жолдон дүкөнгө кайрылып морожный алышты, андан ары гүл саткан орус кемпирден Акбариге гүл тандап кирди Бекмурат: "Роза гүлдү мен сүйбөйм, балким Күкү деле розаны жакшы көрбөйт чыгаар, алып келсе кабыл алып койоттур" деп ойлоп, четте турган акация гүлүн алып кызга карматты:

- Ушунча болуп гүл тартуулай элекмин, анткени мен сенин өзүңдү гүлдөн айырмалай албайм, бир жолу гүлдү гүлгө кошуп коёюнчу, кандай жарашат экен, - Бекмурат тамашалай гүлдү карматканда:

- Ай-иий, сиз менин ушул гүлдү жакшы көрөөрүмдү кантип билдиңиз? - Акбаринин көздөрү жайнап кетти.

- Мен сенин жүрөгүңдүн эмнени каалаганын көрүп турам!

- Рахмат! - Гүлдү көкүрөгүнө кыса жыттай берди, - Кандай жакшынакай, жытын караңыз! - деп гүлдү Бекмураттын мурдуна тийгизип койду.

- Бах, сенин жытың да ушул гүлдөй болуш керек, ээ? - Бекмурат жылмая карады эле:

- Оой коюңузчу? - деп Акбари уялганынан кызарып кетти.

- Койдум, койдум, - Ойлоно калды, - Күкү, - деди анан, - Күкү, сен чын эле Жапарды сүйөсүңбү?

- Эмне үчүн антип сурадыңыз?

- Деги да, эгер сенден бир жооп болбосо жигит кагуу жеп каламбы деп келбей калмак, экөөңөрдүн көз карашыңар, жылдызыңар келишип калгандыр дейм да?

- Жок, ал мага эч нерсе дей элек, болгону келет, кетет, али эч кандай сөзүн уга элекмин.

- Өзүң андан кандай сөз уккуң келет?

- Билбейм, ойлобоптурмун деле… - Кабагын чытый ойлуу боло калган кызды Бекмурат колтугунан алды:

- Кечирип кой Күкү, мен жөнүндө кандай оюң бар?

- Билбейм, - Кыз анын көздөрүнө тике карады, - Азырынча мен эч ким жөнүндө ойлоого шашыла элекмин.

- Макул эми, жүрү парк жакка басып келели.

- Ии-ии, - деп жай басып кете берди кыз.

"Бул кыз эмне деген жан, балким дале өзүнө келе албай жүргөндүр, мен бул үчүн отко күйүп, суукка тоңуп, азаптанып жүрсөм, мисирейет да" деп Бекмурат да көпкө үнсүз бара берди. Акбари: "Мен сүйүп көрө элекмин, чын эле мени көргөндөр дароо эле ээрчип алат, мен ушунча эле сулуумунбу?" деп ойлоп коёт, эки жагын карана. Анткени ары-бери өткөндөр да бул тотукуштун кулпунган мүчөсүнө суктана карап баратышкан эле. Бир улгайган эле адам бет маңдай жагынан чыга калып жалт карады да, селдээ калып турган ордунда катып, алар өтүп кеткенин сезгенде гана артынан шаша ылдамдай басты.

- Жигит, оо жигит! - Бейтааныш адам Бекмуратка кайрылды.

- Мени айтып атасызбы? - Токтой калып сурады ал.

- Ооба, ооба силерди токтоттум, мен бул кызды көрүп атайын чакырдым эле, - Акбариге кайрылды, - Кызым, мен атайын мамлекеттик кызматтын чет элдик кабарларды жеткирүүчү бөлүмүндө иштейм, сени жумушка чакырам, мына бул адреске эртең саат тогузда бара аласыңбы? - деди токтолбой бежиреп чөнтөгүнөн даяр адрести алып берди.

- Билбейм… - Акбари таң калгандай Бекмуратты бир, бейтааныш адамды бир карап туруп калды.

- Сиздер билими жок эле жумушка ала бересиздерби? - Бекмурат ал кишиден ишенкиребей сурады.

- Биз өзүбүз даярдоо курсун окутабыз, бизде бардык курактагы мугалимдерибиз, окуп жаткан кыз-уландар бар, - бейтааныш адам тайсалдай Бекмураттан көзүн ала качты.

- Ойлонойун, эгер жакса сөзсүз барам, кош болуңуз, - деди аңгыча Акбари, кичипейилдик менен жылмая карап.

- Рахмат кызым, дал ушул сендей кыздарды издеп жүргөн элем, ачык айрым, жакшы калгыла, - деп бейтааныш адам басып кетти.

- Кандай ойдо калдыңыз? Эгер эле чет элдик кабарларды жеткирип турган кабарчы болсо иштешсем кандай болот, балким чет тилди окутаар, чет тил боюнча өзүм да кызыкчу элем… - Акбари Бекмуратты карады.

- Менин оюмча барбай деле койгонуң оң, ал сенин сулуулугуңа эле кызыгып атат болуш керек?

- Койсоңуз, менден сулуу жок бекен, толуп атпайбы? Балким ушул тагдырымды чечип койор, эмдиги жылы деле чет тилге тапшырсам деп тургам.

- Өзүң бил Күкү, менин оюма койсо сени ар бир адамдын көз карашынан кызгана берем.

- Эмнеге? - Наздана карап койду, - Сиздин оюңузча үйдө эле отура беришим керекпи?

- Андай деле эмес дечи, али жүрөгүмдөгү нерсени айта албай жатып колумдан чыгарып ийемби деп коркуп турам, - Бекмурат ушул азыр чындап эле ушул аруу кызды колунан чыгарып ийчүдөй кабак бүркөй ойлуу сүйлөдү.

- Сиздин эмнени айтаарыңызды сезип эле турам, бирок мага азыр сүйүү деген жомокто айтылчу сезим мага келе элегин айткым келет.

- Мейли, сен сүйүүгө кабыла элексиң дейли, сени сүйгөн бирөө жалынсыз күйүп чок болуп өтүп кетсе да сага баары бирби?

- Эмне дейсиз?

- Ишенсең сага жолуккандан бери бир жарым жыл болуптур, ошондон бери уктасам түшүмдөн, күндүзү эсимден кетпейсиң, кыскасы тирүүлөй ооруга чалдыктым…

- Абайлаңыз, кыздар толуп атпайбы, бир эле эселек , акылсыз кызды карап отурбай өз теңиңизди издеңиз да, мен чынында да толук өзүмө келе албай жүрөм.

- Жок Күкү, сен мени антип өзүңдөн алыстатпа.

- Алыстайын деген оюм жок, шашылсаңыз дегеним, дагы өзүмө келсем, силерге окшогон жигиттерди машакатка салган сүйүү деген сезим менин да жүрөгүмө уялаар, ошондо көрөөрмүн.

- Мен сени өмүр бою күтүүгө даярмын!

- Өзүңүз билиңиз.. Чарчадык го, үйгө кайталы.

- Жок, жүр бир жерге кирип тамактанып алалычы.

- Болбойт, өзүңүз студент болсоңуз, анан кыздарды сыйлаганга ашыкпаңыз!

- Мына бул жерде жакшы ашкана бар экен, ошого киребиз.

- Коюңузчу, - Акбари кыйла туруп калды эле, Бекмурат аны колдон тартып жетелеп жөнөдү. Эки жаш, бири-бирине төп келишкен эки түгөй. Ушул учур алардын көз ирмемчелик бактысына берилип, эртеңки күнү бири-бирин таппай өмүр бою Күкүк менен Зейнеп болуп калаарын сезишкен да жок. Болгону көп жаштардын бири катары бактылуу мүнөттөрдүн кызыгына батып отурушту. Кээде күлүп, кээде кызыктуу сөздөрдү сүйлөшүп талашып-тартышып атышты. Бекмурат Акбаринин жамалына тойбой карай берди. Көздөрү көздөрүнө чагылыша түшүп оттуу көздөргө туруштук бере албай тайсалдай, ооздорунан сөзү түшүп башка жакты карап кетишет. Чынында Акбари деле Бекмуратты жактырып калган. Бирок Акбаридеги бир өзгөчөлүк - анын өтө бекемдиги, сырга да, сөзгө да бек турушу: "Сүйүп калганы чын болсо, торгой болуп безеленип, куш болуп сайрап, алдыма чөгөлөп түшүп, Олжобайча өлүмгө да тике бара турган болсун, Тариелдей кечирсин, Календер болуп жер кезип келсин, мен ошондо гана ага өзүмдүн сүйүүмдү билдирем, ага чейин мен солк этпейм, сыр ачпайм, мен ошондой сүйүүгө татыктуумун" деп саамга ойлонуп кетти.

- Күкү, эртең ушул жерге келчи, мен күндө эле үйүңө баргандан уялып калдым, ушул жерден жолугуп туралы, ээ?

- Күндө жолукканда эмне, эки-үч күндө деле жолуксак болот го?

- Жо-ок Күкү, мен сени секунд сайын көрбөсөм тура албайм, чынын айтсам такыр бөлүнгүм келбейт, мендей бир шордуу жигитти аяп койчу бай болгур?!

- Болбойт, эртең эмес бүрсүгүнү келем, арадан күн өткөрүп…

- Асылым ий, эмне десең мен ошого макулмун, жаркырап толгон айдай болуп жанымда жүрсөң болду эле…

- Коркуп атасызбы? - Акбари сырдуу жылмая көздөрүн жалжылдатып койду.

- Корком, менден башка бирөө ээлеп алчуудай боло берем.

- Ал менин гана эркимде, мен кимди кааласам ошонуку болом, каалабаганда карап койбойм!

- Меничи, мени…

- Азырынча эч ким менин жүрөгүмдөн орун ала элек… - дегенде Бекмурат: "Үрдүн кызы болсоң да, сендей сулуу болбосо да алып койгон жарым бар, жалдырабай эле койсомбу, баягыдан текеберленип баратат" деп ойлоп колун шилтеп басып кеткиси келип турса да жүрөгү ага баш ийбей турду: "чыда, кыз кылыгын кылбаса болбойт да, Акбари сеники болот" деп ойлонуп, өзүн токтоо кармап атты. Экөө ашканадан чыгып бир аз сүйлөшүп туруп анан Бекмурат Акбарини узатып үйүнүн жанына жеткирип кайра тартты: "Тобо-оо, өзү башынан текебер кыялдуу болсо керек, же өзүнүн сулуулугуна манчыркап атабы.. Эмне, мен деле кыздар артымдан жүгүргөн жигитмин", деп кетип баратып агасынын үйүнө жеткенин да байкабай калды. Ал кирээри менен жеңеси:

- Ай кичине бала, сени атам келип кетсин дептир, деги кайда жүрөсүң ыя?

- Жүрөм да, жеңе.

- Кой, сени атамдар жөн чакырган жок, тезирээк бар, балким келинди бул жакка кошуп бергени жаткан го?

- Эмнеге кошуп бермек эле, мен өзүм эле барып турам, ага бул жакта эмне бар? - Бекмурат чоочуп кетти: "чын эле бөлүп коёлу деп аны мага кошуп берсе эмне кылам, Күкүнүн бир жообун алышым керек, мен ансыз баары бир жашай албайм" деп ойлонуп калганда жеңеси иштерине алаксып аткан эле, кайра келип бир чекитти тиктеп ойлуу отурган кайнисин көрүп:

- Э бала, эмнени ойлонуп атасың, кой сенин минтип жүрүшүң болбойт, келинди бул жерге алып келели, сен тез-тез барганга убактың жок, экөөң эки жакта кыйналбай чогуу болгула, - деди маңдайына отуруп.

- Койчу жеңе, бул жакка келбей эле койсун, өзүм эртең барам го, - деп жеңесинен көзүн ала качты.

- Сенин мурун сүйлөшкөн кызың жок беле? - Жеңеси түкшүмөлдөй сурады.

- Эмнеге?

- Деги да, ушул сенин Аймирага көңүлүң жокпу дейм да?

- ?...

- Айтчы бала, сүйгөн кызың бар беле?

- Жок…

- Анда эмнеге эле башкача болуп баратасың?

- Билбейм жеңе, - Бекмурат ички бөлмөгө кирип кетти, жеңеси анын артынан карап туруп ийнин куушуруп койду.

Эртеси Бекмурат үйүнө жөнөдү. Ал келсе атасы менен апасы неберелери болуп дасторкондо отурушкан экен. Атасына колун берип учурашып апасына өттү:

- Кандай апа, күүлүү эле жүрөсүңбү?

- Кудайга шүгүр, биз жашаарыбызды жашап, ичээрибизди ичтик, силер эле аман болуп, очогуңардан от өчпөй ордуңарды таап калсаңар болот эле.

- Кейип-кепчибей эле койчу апа, кудайдын буйруганын көрөбүз да, - отуруп унчукпай калды. Чогуу тамактанышып отурушту, апасы бата кылгандан кийин дасторконун жыйнаганга киришти, Бекмурат атасы менен эшикке чыгып чарбак жакка басты.

- Уулум, келинди өзүң жеткирип койдуң, алып келесиңби, эмне кыласың? - деди ата ойлуу уулун карап.

- Келет да, ата…

- Апаң барса бир нерсе деп айтыптыр, ошол чынбы? - дегенде Бекмурат эч нерсе оюнда жок эле:

- Эмне дептир? - сурап койду.

- Сен чыныңды мага айт, эркектерди андай оорудан өзүм айыктырып койчумун.

- Эмне-е? - чоочуп кетти.

- Ошол, чын же калп экенин мага азыр ачык айт! - Атасынын сөзүнүн тереңин эми түшүнгөн Бекмурат аялына айткан сөзүн эстеди да барс этип күлүп ары басып кетти. Кыраа ата анын калп экенине даана түшүнүп артынан басып барды.

- Эмне кылабыз, келинди тим коёлубу?

- Ата, жүрө турсун, мен ойлонуп бүтүп алайын, ага чейин жүрө турсун!

- Ат-таңдын оозун урайын десе… - деген атасы башын чайкап ары көздөй өзүнчө кобуранып күлүп да жүрдү кечке. Бекмурат ошол сөзү апасына чейин жеткенине уялдыбы, ошол эле күнү такси жалдап шаарга баса берди: "Жинди, ошонун эмнесин айтты экен, эми элдин баарына жаят го", деп ойлонуп, агасынын үйүнө келди. Эки күн ал үчүн эки жылдай сезилди, болжогон жерге барып көпкө чейин Күкүсүн күттү, бирок ал келбеди, аргасы кеткенде үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Батма эне жалгыз экен. Ошол күнү эртең менен Акбари баягы адреске кеткенин айтты:

- Кечикти го, мынча жүрчү эмес эле, - деп наалып атты эне.

- Келип калаар… - Бекмурат ошенткен менен: "барбай эле койсо болмок, эмне болоор экен, ал кишинин көз карашы жаман болчу" деп сыртына чыгарбай өзүнчө кабатыр болуп атты. Экөө кеч киргиче күткөн менен ал келбеди. Бекмурат үйүнө кетти, сарсанаа болгон эне кызын ойлоп кирпик көзүн какпады: "балким аны ала качып кеткендир, эртең менен эшигиме куда келээр, кантсе да бактылуу болсо экен" деген оюн дагы бир ою жеңип: "машина уруп кеттиби, же дагы ооруп ооруканага түштүбү? Кудай ай, деги жалгызым аман-эсен көзүмө көрүнсө болду эле" деп эшикке жарык жайылгыча көз ирмебеди. Таң атаары менен сыртка чыгып эки жакты карады. Батманын уйкудан калып саргайган көзүн, жүрөгү бир нерседен кооптонуп, түпөйүл болуп жаны жай албай турганы менен иши жок, теребел мемиреп таңкы таза аба адамдын көңүлүн көтөрүп сергитип, кирип чыгып жаткан элди, сумкаларын асынып алып мектепке кетип жаткан бирин-серин балдарды карап бир аз туруп үйүнө кирди.

Акбаринин тагдыры мындай болгон эле. Аларга жолуккан адамдын аты Болот Касымов болчу. Обкомдун катчысы болуп иштөөчү. Ошол учурда шефине жагынууга бир "тартуу" таба албай жүргөн кези болчу. Акбарини атайын кабинетине чакырганы ошол эле: "бул бир табылга болду, эми мени кызматка көтөрбөй көрсүн, айттырбай билет" деп эки алаканын бири-бирине жанып алды. Болот Айдарович Касымов кабинетинде отурганда Акбари акырын каалганын сыртындагы жазууну карап, колундагыны көрдү да аста тык-тык эттире каалганы черткиледи. - Кире бер! - Ичкериден күрүлдөгөн добушту угуп ачып кирип барганда Болот Айдарович ордунан ыргып турду.

- Оо, кел кызым, кел! - колун жаңсай отургучту көрсөттү, - отур, отура кой!

- Келдим агай, - Акбари иймене отуруп калды.

- Келгениң жакшы кызым, дал ушул сендей ай чырайлуу кыздарды атайын даярдап жатабыз, чет өлкөгө чейин барууга туура келет, ошон үчүн окуп үйрөнүп алышыңар керек, - деп тигил андан ары эмне дээрин билбеген адамдай телефонун бурады, - Ало, тезирээк машинаны алып кел, зарыл жумуштар бар! - деди да коюп койду.

- Агай, кыздарга тааныштырып, окуу жайдын өзүн көрүп алсам өзүм келип турам, - Акбари ыңгайсыздана тигил адамды карады.

- Эч кабатыр болбо кызым, үйүңө жеткирип коём, - деди Болот Айдарович. Аңгыча сырттан эки киши босогого келип ызаат көрсөтө туруп калды:

- Болот Айдарович, машина келди!

- Эң жакшы, бул кызды алып бар, чоң кыздын тырмагына зыян кылбагыла, силерди ал жерден эки киши тозуп алат, ал жерге баргандан кийин чоң кызды атайын бөлмөгө жайгаштыргыла! - деп кыз ары караганда көзүн кысып койду. Мындайдын далайын көргөн шофёр башын ийкей кыздын алдына түшүп сыртка чыгып, арткы эшигин илбериңки ачты да:

- Отуруңуз! - деди.

- Рахмат! - Акбари эч нерседен бейкапар гана отураары менен машина ордунан жылып зымырай жөнөдү. Бир кезде алар бийик кабаттуу үйдүн алдына келип токтоду. Шофёр дагы ыкчам түшө калып кыз отурган жакты ачып:

- Жүрүңүз! - деп коюп анын алдына түшүп кабат үйдүн үчүнчү кабатына чыгаары менен ал жерде даяр турган эки аял аны коштоп алып кирип чо-оң жарык бөлмөгө киргизди. Акбари мындай жасалгалуу үйдү көрбөгөндөй эки жагын карап таңкалганын билгизбей бир аз турганда аны ойлогонго үлгүртпөй:

- Бул жакта душ бар, түшүп сергип алыңыз, - деди бири.

- Эмнеге, мен үйдөн эле жуунуп келгем, окуу залы менен кыздарга алып барыңыздар! - деди аялды карап, дале анда бир нерседен кооптонуу жок эле.

- Эч нерсе эмес, күн ысык, тердедиңиз, чарчадыңыз, душта баары бар! - деп ары басып кетти тигил аял. Акбари аргасыз ал көрсөткөн жакка кирип таң калды. Анда баары бар экен: "Жуунса жуунуп алайын, эмнем кетиптир", деп шашпай жуунуп, чыгып күзгү алдында өзүнүн келишкен мүчөсүн, апаппак денесин бою менен тең күзгүдөн көрүп көпкө ырахаттанып турду: "Мен ушундай сулуумунбу?" деп өзүнчө кыялданып, өзүн көлөкөдөй ээрчип жүргөн Бекмуратты, Жапарды эстеди ушул кезде. Анын ушул бүгүн тагдыр жолу такыр башка жакка бурулуп кетээринде бир гана нерсе сактап калаарын сезбей, көз алдына ар тилди билип, чет өлкөлөрдө саякаттап жүргөнү элестей берди. Көптөн кийин душтан чыкса ага кийим даярдап коюшуптур.

- Буларды кийинип алыңыз, - деди тигил аял өзүнөн бир топ улуу болсо да сылык сүйлөй.

- Эмнеге, мени өз кийимим деле болот, - деп Акбари аны алая карады.

- Кызым, сени азыр чет өлкөлүктөр менен жолуктурат, андан кийин окууңду сүйлөшөт, - деди тигил аял.

- Аа-аа, - Акбари көңүлү жайлана кийимдерди караса бир укмуш, кийип көрүп өзүн тааныбай да калды: "Ой тобо-оо, ушундай кийимдер да болот экен ээ, мен деле жакшы деген кийим кийем, бирок бул такыр эле башкача го?" деп ойлуу кийинип алып, бутуна туфлини кийип ары-бери басып койкоңдоп коёт.

Жетимиш жыл Союздун гүлдөп турган учурунда "сойку" дегенди кыргыз баласы укпай, укса да ишенбей коомчулукка жалаң таза бойдон эл башкарып жаткандай сезилчү эмес беле, бирок дал ошол учурда андагы Фрунзеде бийик дубалдуу, бийик кабаттуу заңгыраган үйдө кадимки эле врач, сестралардын кароосунда саналуу сойкулар жашаарын, алар мен деген бийлик адамдарынын гана тапшырмаларын аткарып өз башына ээ болбой, гүлдөй соолуп, эч кимге жар болууга жарабай калганда алардын кээсине үй алып берип сыйлап узатса, кээсин жөн гана эмчек акысын төлөп акырын чыгарып койоорун момун кыргыздын кимиси билмек. Кокус оозунан чыгып кеткени жалп этип өчкөн чычаладай дайынсыз жоголоорун кайдан билмек. Азыркыдай болуп демократиянын шарапаты менен кайсыл чоң чоң чүчкүрүп койсо, же бир артисттер өбүшүп турганын, депутаттардын жаш кызды токолдукка алганы жатканын жарыялап турган заман эмес эле да.

- Жүрүңүз! - деди аял, Акбарини ээрчитип узун коридор менен жүрүп отуруп бир бөлмөгө кирди, - отуруп туруңуз, азыр келет, - деп коюп өзү сырттан эле кеткен аялдан: "кимдер келет" деп суроого жетишпей калды. Бул бөлмөнүн ичи жанагы бөлмөдөн да кооз, люстралардын жарыгы үйдү ого бетер кооздоп көңүлдү көтөрөт. Бир азга эки жагын карап туруп узун столдун бир четине отурду. Ушул кезде ал кадимкидей эле эргип, куунак көңүлү ого бетер көтөрүлүп: "мен ушундай столдо отуруп, элди кабыл алсам ээ" деп кыялданып отурганда, каалга ачылып орто жаштан өтүп калган адам кирип келди. Акбари ордунан тура калды. Тигил адам сөөлөт менен колун көтөрө: "отура бер" дегендей белги берди эле отуруп калды. Заматта эле ал кирип отураары менен биринин артынан бири чубаган үч кыз колдоруна алма, конфет, иши кылса тамак-аш көтөрүп келип столду толтуруп коюп, ошол бойдон жок болушту: "Мен дагы ушул кыздар менен иштейм го?" деп ойлоп койду Акбари. Көз тайгылткан столдун үстүндөгү кооз хрусталдарда жер-жемиш менен мейиз, өрүк, бадам, койкойгон коньяк турду.

- Кел чоң кыз, кайда окуйсуң? - деди тигил адам кызды сүрдүү карап.

- Мен… - мен эми окуйм го, эмдиги жылы…

- Жакшы, жакшы, тамактан алып отур, тартынбай эле алып отур!

- Ий-и, - Акбари сүйлөй албай улам көзүнүн кыйыгынан аны карап коюп атты.

- Мени Жусуп агай десең болот, сенин атың ким?

- Акбари…

- Ой илгери деген сулуулар өкмөт менен кыргыздын ортосунда далай данакер болушкан да, деги эле сулуу кыздарды көргөндө асмандагы ай түшүп келгиси келет экен, дүйнөнү сактаган сулуулар, сенин жүзүңдөн ай дагы уялса керек чоң кыз, ыя?

- Кантип эле… - деген Акбари улуу кишиге катуу айталбай, тигинин сугалактана караганынан тартынып, чыныны кармаган колу билинээр-билинбес калчылдап: "эмне мынча карайт, Бекмурат барба дегенде тилин алсам болмок экен, эми кантем?" деп ичтен сарсанаа болуп кирди.

- Ойлонбой тамакка кара, чоң кыз, - Ал кыздын телмире ойлуу отуруп калганын байкады да коньяктан куюп бирин Акбариге сунду, - алып ийели, ээ?

- Агай, мен ичпейм…

- Кой эми, ушул мени менен жолугушканыңа деле кичине алып кой!

- Агай ичип көргөн эмесмин, мен лимонад эле ичип турайын, - кыз тартынчыктай жер карады.

- Макул анда, сага башка суусундук алып келишсин, - деп өзү алып жиберди. Акбари төраганы көрүп турганына ичинен негедир кубанып алды: "мындай кишилер элге көрүнбөйт да, демек бул мени атайы жактырып калып алдырып келген го, эгер колумду сураса макул болом, бул киши мени бактылуу кылат, апам дагы кубанат болуш керек" деген ойдо болуп, иштемек болгон оюнан кайтты. Чынында ал байлык деген нерсеге өз макулдугу менен ыраазы болуп жаштыгын, сулуулугун, ушул азыр маңдайында отурган улгайган адамга тартуу кылгысы келип атты.

Бир кезде боёнгон, узун бойлуу кыз тарелкага суусундук алып келди.

- Кел Акбари, мындан ичип отур,, винодон ичпесең кыйнабайын, - деди төрага, кызды сын көз менен карап.

- Рахмат, - Акбари чын дили менен жылмайып койгондо төрага ичинен элжирей карады: "ушундай сулууну менин маңдайыма алып келгениң үчүн, тартууңа чоң кызмат сеники, каалаган ордуңа коём" деген көз караш бар эле.

- Акбари, канча бир туугансыңар?

- Жалгызмын, агай…

- Ата-энең барбы?

- Атам каза болуп калган, апам бар.

- Жакшы-ы, атаңдын жогу жаман болгон экен, иштечү беле?

- Ооба, билим берүү министрлигинде иштеп жүрдү, жол кырсыгы… - деп келатканда.

- Токто, токточу, атаңдын аты жөнү ким эле?

- Ашым Акматалиев.

- Кайран киши, мен ал кишини билчүмүн, абдан жакшы кызматкер эле, демек сен Ашымдын кызы турбайсыңбы, ал киши өлгөндөн кийин жардам да бералбадык, ошондо бир кызы менен аялы экөө калды дешкен эле… - ал ойлоно түштү, - демек эми да кеч эмес, кайсыл окууга тапшырайын деп турасың, эгер окуйм десең сөзсүз окуйсуң, али кеч эмес, Ашыкенин арбагы ыраазы боло турган болсун.

- Рахмат агай, - Акбари суусундуктан ичип отуруп негедир өзүнчө шалдырай уйкусу келгендей акыбалга келип уялып турду: "кызык, эмне болуп турам, уят болбосом экен" деп ойлоп:

- Агай, мен үйүмө кетсем болот эле, билбейм эмнеге, башым тегеренип уйкум келгенсип турат, кечирип коюңузчу? - деди, ал суусундукка кошулган уктатуучу дарынын таасиринен экенин сезбеди.

- Азыр, сени атайын машина жеткирет, - деп эки жагын карап убакыт өткөрүүгө амал издеп: "мындай гүлдүн ширесин сорбой кетирип ийсем убал го, пешенеме ушул кызды берип турганда…" Аңгыча Акбари отурган жеринде көзү илинип кетип, кыйшайып баратканда Жусуп Кадырович аста кармай калып, этияттап көтөрдү да ары жактагы бөлмөдөгү диванга алып барып жаткырды. Эч нерсени сезбей жаткан кызды көпкө карап туруп: "Ашым Акматалиев да сулуу жигит эле, ушундай сулуу кызды колума тийгизген Болотко рахмат, бечара карап эле тургуң келет, сүрөттөй эле экен, бул кыздын илебине эрип кетпегей элем" деп ойлонуп койду да буга чейин далай кыздарды уйпалаганга көнүп калган төрага жарыкты өчүрдү да жай баракат адегенде өзү чечинип, жаш кездегидей жүрөгү туйлап эч нерсе сезбей жаткан кыздын жука кофтасын чечип, эркек колу тийе элек тикчийген төшүнө көзү түшүп эси оогондой делдээ туруп калган эле..

Бул мындан жыйырма жыл илгери өткөн окуяны эсине салып ийген болчу. Анда Жусуп окуу жайын жаңы бүтүп, жаңы кадр катары партиялык кызматка дайындалган эле. Ошондо ал Батма менен таанышып калып экөө кыз-жигит болуп жүрүшкөн. Жусуп улам кызматтан жогорулап отуруп экинчи секретарлыкка көтөрүлүп жаштыгы, кызматынын жогорулугу бара-бара Батмадан алыстатып, манчыркоо башталган эле. Батма ага ишенип анын эркине көнүп берген болчу. Аны кызматынан жаңылткан Жусуп көп өтпөй эле үйлөнүп алган: "Ошондогу дал Батманын өзү" деп койду. Дегеле Ашым Акматалиевдин жубайы ким экенине кызыккан эмес. Адам катары аны сыйлачу. "балакет бас", деп алды Жусуп: "бул Батма төрөгөн кыз эмеспи?" ал дендароо болуп тура берди…

Батма Жусуп менен сүйлөшүп жүргөндө Ашым анын артынан калбай күнү-түнү кат жазып, сүйүүсүн арнап жүгүрүп жүрчү. Айылдан окуу үчүн келген кыздардын кандай экенин териштирип отурмакпы. Жусуп аны маскаралап коюп башкага үйлөнүп алганда Батма өлүп алууну ойлогон, бирок анын карыган энеси аны өлүмдөн куткарды: "Кызым, менин бул дүйнөдөгү ишенгеним, болгон байлыгым жалгыз сенсиң, башка эч кимим жок экенин унутпа" деген ал Батма окууну көздөп шаарга жөнөгөндө жалгыз уюнун торпогун сатып берип узатып жатып. "Апа, мен сен үчүн жашайм, мен өлбөйм" деген кыз өзүн колго алып, окуусун улантууга киришкен. Ашым ошол учурда ага жетип өз сүйүүсүн айтууга жетишти. Баарынан көңүлү калган Батма ага анча көңүл бурбады. Күндөп түндөп жанынан карыш чыккысы келбеген жигиттин шагын сындырмакка Бурма ага ошол күнү калп айткысы келди.

- Ашым, сен үйлөнө элексиң, а мен күйөөдөн чыккан келинмин, сага келиндин эмне кереги бар?

- Койчу?! - деди адегенде Ашым, катуу чоочуп кеткенин өзү деле сезбей калды.

- Ооба, менин күйөөм кызыл камчы экен, ошон үчүн жашабай баса бергем, сен али жашсың, кыздар толуп жатат, мындан ары менин тынчымды алчу болбо! - деп отурган жеринен туруп кетти. Ашымга бул сөз абдан катуу тийди, эч нерсе дей албай отуруп кала берди. Батма ошондо: "Ооба, калп айтпаганда не кылат элем, убалым Жусупка жетсин, мен да өз бактымды табаармын" деп ыйлап кетип жатты. Арадан эки-үч күн өткөндө Батма окуу жайдан чыгып келатканда Ашым алдынан чыгып күлүп, жайдары учурашты:

- Кандай Батма, окуулар жакшыбы?

- Жакшы, - Батма көңүлсүз гана башын жерге салган бойдон кете берди.

- Батма, мен сени менен сүйлөшөйүн деген элем.

- Эмнени сүйлөшмөк элең? - көңүл бурбай жөн салды сурап кете берди

- Токтосоң Батма…

- Менин сени менен сүйлөшчү сөзүм жок!

- Батма, мен сени баары бир сүйөт экемин, жок дебечи, эгер макул болсоң бүгүн эле алып кетем! - алдын торой басты.

- Ашым, менин убактым жок, мени кыйнабачы, ансыз да жүрөгүм ооруп жүргөндө, - Батма каштарын жыйрый ачуулана сүйлөдү, - Болбойт, күйөөдөн чыккан келинди мазактагың келип атабы?

- Батма, мен касам ич десең да даярмын, ачууланбай жакшылап укчу мени, мен сага жакшы күйөө болуп берем! - Ашым анын колунан тартып токтотту, - Көңүлдү чөгөрө бербей мени укчу?!

- Кана, дагы эмне дегиң келип турат? - Батма көздөрүнүн жашы кылгыра Ашымды ызалуу карап буулуга туруп калды.

- Батма, мен баарын ойлондум, мен сени сүйөм, ошондуктан мен сага үйлөнөм!

- Эмне-е?

- Мен сага үйлөнөм, мен жалгыз баламын, атам согуштан кайтпай калган, апам карып калды, эртели кеч үйлөн деп мени кыйнап атат, а мен сага гана үйлөнүүнү туура көрдүм.

- Апаң менин келин экенимди билсе эмне дейт? - Батма Ашымды сынай карады.

- Эч нерсе дебейт, мен ага баарын айтып коём керек болсо, ал андай аял эмес!

- Макул, мен ойлоноюн, азыр мени өз жайыма кой! - Батма сустая басып кетти. Ашым ордунан жылбай кала берди. Ошондон көп өтпөй эле Ашым Батманы үйүнө алып кетти. Ошол күндөн эле ал жүрөгүнүн башында муштумдай эт пайда болгонун билди. Бирок Батма сыр билгизбеди, анын сырын бир кудай, бир өзү билет. Ашымга барганына жети айдын жүзү болгондо ушул Акбарини төрөдү. Төрөлгөндө абдан кичинекей, салмагы жетпей, алсыз кызына Ашым жалынып жалбарып чоңойтподубу? Батма андан башка төрөбөдү. Жалгыз кызын карегиндей көргөн Ашым башка аял алууну же балалуу болууну күттүбү, бирок үндөбөй жүрүп өтүп кетти…

Жусуптун дити барбады, улам ошондогу көз жашын төккөн кайра топчулап коюп үстүнө одеал жапты да аркы бөлмөгө өтүп түнү менен креслодо отуруп үргүлөп кетти.

Эртең менен көзүн ачкан Акбари чочуп кетип шашыла ордунан турду да ажатканага кирип чыгып анан жуунду. Убакыт түш болуп калган экен: "ушунча уктадымбы, уят болгон турбайынбы!" деп акырын эшикти ачты эле Жусуп тосуп алды.

- Ой Акбари сулуу, кандай эс алдың?

- Жакшы агай, мени ойлоп апам аябай кабатыр болду го, мен эмнеге мынча уктаганымды билбейм… - деп сарсанаа болуп карады төраганы.

- Эчтеке эмес, ошондой боло берет, карынды кампайтып алып кетесиң, - деди да кечээги бөлмөгө киришти. Каршы болгусу келип турса да Акбари анын артынан басты. Баягы күзгүдөй болгон бөлмөдө хрустал идиштердеги кофе даяр экен. Экөө көпкө отурушту.

- Акбари, апаңдын аты ким? - Жусуп түндөтөн берки жүрөк өйүгөн суроосун берип тынчсыздана карап турду.

- Апамдын аты Батма, абдан сонун апам бар агай, дүйнөдө менин андан башка эч кимим жок, ал мени түнү менен уктабай ойлонуп азаптанды го?

- Азыр кайда иштейт?

- Мугалим болуп иштечү, азыр үйдө.

- Жакшы-ы - Жусуп ойлуу отуруп калды: "кудай бир сактаган экен, балким Ашымдын эле кызыдыр…" деп ойлоп, - Акбари, кайсы жылы кайсыл айда төрөлдүң эле? - деди.

- Менби, мен алтымыш экинчи жылы майда төрөлгөм, эмнеге сурадыңыз?

- Аа-аа, жөн эле… - Жусуп колун ээгине тайай бир кездеги болгон ишти тактамак болуп эстөөгө аракет кылып атты: "дал ошол жылы!" деп сыртына чыгара айтып алганын сезбей калды.

- Сизге эмне болду, Жусуп агай?

- Аа-аа, эч нерсе эмес… - Жусуп тайсалдап кетти. "Чоң кудай сактаган экен" деп ойлоп алды: "так эле энесинин өзү" деп карап туруп ойлоп койду. Бул адам Кыргызстанды бийлеп турганы унутулуп, ушул кезде жөнөкөй пенде катары өзү жасаган күнөөсүнүн алдында баш көтөрө албай турду: "Ошондогу Батманын ыйлап турганы көз алдына келди: "Убалым жетсин, мен бирөөнүн жалгызы элем, сага ишенгемин, ишеничимди аткара албадың, сенин мындайыңды билгенде…" деп боздоп ыйлаганы али эсинен чыкпаган экен. Ата-энеси кызматчынын эрке кызын алып берген, ал өтө эле чалпоо болчу, уулдуу-кыздуу болду, бирок аны сүйө албады. Ар качан Батманы эстечү. Көңүл ачуу далай эле болду, бийлик деген бийлик экен, кол алдындагылар ийиктей алдында имерилип турат. Үйүнө мамлекеттик иштерден колу бошобой кээде таңга маал кетип кайра түн катып келет. Аялы болсо кол алдындагы кызматчыларды өзү билгендей башкарды, кошоматчылар союшун союп, кымызын артынып, сары майды карыны менен жеткирип турганда эмнеден кабатыр болмок, жалаң сулуу, жаш кыздарды өзү билгендей уйпалабадыбы…

- Агай, сизге рахмат, мен жумуш, чет тилден окуу үчүн келген элем, Болот Айдарович ошондой деди эле, а мен сиздин коногуңуз болуп…

- Эчтеке эмес, сен эми окуйсуң, каалаган окууга, - деди да ордунан туруп барып сейфин ачып андан бир тутам акча алып чыгып, - Акбари, муну апаңа белек-бечкек ала бар, апаңа менин аты-жөнүмдү айтпай эле кой! - деди да сыртка чыгып кетти. Акбари акчаны кармаган бойдон ордунан туруп жөнөмөк болгондо бир жигит келип:

- Жүрүңүз! - деди. Акбари үндөбөй кошо басты. Сыртта кызматтык машина күтүп турган экен, ага отурду да, - Кайда? - деди айдоочу.

- Турусбековага, - Акбари кыска гана жооп берди. Заматта анын үйүнүн жанына токтотту да кыз түшүп кетээри менен зуу койду.

Акбари үйүнө келгенде Батма тынчсызданып отурган эле. Кирип келээри менен эле:

- Кайда жүрөсүң? - деди утурлай.

- Апа, мен окуй турган болдум, - Акбари апасына эркелей эки бетинен өөп: - Абдан жакшы адам менен конок болдум, укмуш апаке, ал деген биринчи секретарь экен!

- Ыя?! - Батма чоочуп алды, - Ал кайдан сага жолугуп жүрөт?

- Мени атайы чакырган Болот Айдарович мени ал кишинин кабылдамасына киргизди.

- Бекер кылыпсың, окууга өзүм окутам, ал жакка экинчи барба!

- Эмнеге апа, ал абдан жакшы адам экен, элестетсеңиз, сиздин кызыңыз биринчи секретарь менен бетме-бет сүйлөшүп келгенин.

- Эмне болсо да экинчи ал жакка барбайсың! - Сөз бүттү дегендей Батма ашкана тарапка чыгып кетти: "Апам эмнеге минтип атат, ал мени каалаган окууңа окуйсуң, жардам берем дебедиби" деп апасына таарына диванына отуруп алды. Эч нерсеге башы жетпей жатты. Ошонун эртеси эле алардын үйүнүн алдына өкмөттүк машина келип, Батманы салып кетти. Анын "барбайм!" дегенине айдоочу болбоду. Дал Акбари бир күн мурун отуруп кеткен бөлмөгө киргизди. Батма Жусуптун көтөрүлүп биринчи секретарлыкка жеткенин билчү. Ушул мүнөттөрдө ага жолугаарын да билип эле турду: "Кайдан да Акбаринин өзүнүн кызы экенин билип алды экен, ал сенин кызың эмес деп үмүтүн өчүрүп коюшум керек" дегиче:

- Кандай Батма, күтпөгөндүрсүң? - деди арт жагынан чыккан үн.

- Күтүүгө татыктуу эмес экениңди өзүң билесиң?!

- Кой Батма, анчалык катуу кетпе, жаштык-мастык кылып коюп, өкүнүп жүрөм ушул кезге чейин.

- Өкүнгөндө эмне, сага деген жылуулуктун баары өчүп, ал турсун өзүмдүн да денемден жылуулук качкан убакта, өткөндү эске салуунун кереги не? - Батма бурулбай туруп жооп берди.

- Мен сенден кудай алдында бир гана сөз сурамак элем, Акбари менин кызымбы?

- Жок, ал Ашымдын кызы!

- Антпе Батма, мен кудай алдындагы күнөөмдү жуушум керек, мага өчөшсөң да кудайды тана албайсың да, туурабы?

- Ыы… - Батма какая түштү, көзүн жумуп ийди: "Оо кудай, мен Ашымга ачыгын айтпай кудай алдында күнөөгө баткан турбаймынбы, кечире көр жараткан, неге тирүүсүндө ачыгын айтып койбодум экен?!" дегенди ойлоп теңселип кетти, - Эми баары унутулганда кыйнаба мени, балдарың жок эмес, бир кыздын эмнесин такып калдың эле?

- Мен бир кезде көпкөндүк кылып сенин убалыңа калып, албай койгонума ушул күнгө чейин өкүнүп жүрөм, кыздын меники же башка экенин өз оозуңдан уккум келди, анткени сен экөөбүз, анан караңгы түн күбө болгон эле…

- Ушул кезде жүрөгүмдүн жарасын сыйрып, чоңойгон кызга эми "сенин атаң" деп кантип айтам?! Ашымдын адамгерчилигине, мен деп башка бала күтпөй өтүп кеткенине мен күнөөлүүмүн, балким кызынын өзүнүкү эмес экенин билсе башкача болот беле, эми анын баары өткөн, мага кетүүгө уруксат бер?

- Мен али жооп уга элекмин да, ушундай кызматта туруп мен да адам экенимди, бир кезде кудай алдында жооп береримди эстеп сенден сурап отурам, ошол бир түн сенин бетиңе чиркөө болуп канча азап тартканыңды эми гана сезип отурам, акыркы жолу сурайм, кыз меникиби?!

- Алда-аа кудай ай!!! - Батманын ушул азыркы абалын сөз менен айтып түшүндүрүү кыйын эле, ары карап турган калыбында көз жашын төгүп алды, сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт демекчи, али да болсо келин бою кебелбеген сындуу убагы эле, анын ушул турпаты Жусуптун тээ эчак өткөн убагын эске сала жүрөгү элеп-желеп болуп, ийиндери солкулдап турган Батманын артынан келип ийине колун койду:

- Мен баарын түшүндүм Батиш, ушунча жыл жүрөгүңдү мите курттай эзип келген азабыңды эми өзүм кошо тарттым, мен али да болсо сүйөөрүмдү алда качан түшүнгөмүн, сезгемин, бирок иш, кызмат деп убакыт таба албадым, а аялыма болсо азыр дүнүйө, кадыр-барк, акча керек, анда баары бар, мени менен иши да жок, биз бири-бирибизди сүйгөн эмеспиз, дүнүйө, байлык болгон менен сүйүү болбосо жашоо супсак болот экен… - Оор күрсүнүп алды, - Ооба, ооба, ойноп күлдүм. Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин дегендей баары болду, бирок ар бир секундумда сени эстебей коё албадым…

- Күн кылкылдап уясына батып бараткандай, менин да өмүрүмдө күүгүм кирип калган кезде качанкы өткөндү эске салганыңа жол болсун, мен сүйүүнү жектеп, жээкте чабалактап суу жетпей калган балыктай айламды таппай өлүмгө бараарымда мени Ашымдын түшүнө билген адамгерчилиги жашоого үндөгөн, мен анын арбагы алдында күнөөлүүмүн, аны өз кызыкчылыгым үчүн алдап, кызымдын сенден экенин жашырып жүрүп, ал чындыкты билбей кетти…

- Ардагым менин, сен Акылкарачач элең, аруу элең, мен ошондо жаштыкка, мастыкка салып анда баамдоого акылым жеткен эмес экен, - Жусуп Батманы ийинден ала өзүнө каратты, - сен али да сулуулугуңду жогото элек экенсиң, Акбари дал өзүңө окшоп сулуу болуптур, эми экөөңдү колумдан келишинче карайм, Акбарини аттуу-баштуу жерге беребиз.

- Жок, - деп Батма анын колунан суурула тез-тез басып чыгып кетти. Жусуп ошол ордунда бир топко нес болуп турду да арыда турган телефонду бурады:

- Ало, ало-оо, мен бүгүн киши кабыл ала албайм, - деди да трубканы коюп башын мыкчый отуруп калды: "Байлык, кызмат деп өз сүйүүмдү жоготкон элем, кайрадан баштоого али кеч эмес, мен аны бактылуу кылышым керек, кызым экөө үчүн бүт күчүмдү жумшайм!" деп ойлонду. Аттиң десең, пенде качандыр бир кезде өз күнөөсүн сезүү кандай гана кеменгерлик, ушул жыйырма жылдын он жылын бир мамлекет башындагы кызматын аткарып келе жатып өмүрүндө күнөөсүн сезбей келген адам маралдай керилип бой жеткен, бир кездеги өз канынын бир тамчы суусунан жаралып калган кыз үчүн баарын кечүүгө даяр турду. Көрсө ал да пенде экен, жүрөк эңсөөсү, көңүл көксөөсү унутта калбаптыр…"Жок, жок, мен эми кыздарга барбайм, балким менин эрке талтаң кыздарым эмне кылып жүргөнүн кайдан билем, уулдарым мен жасаганды жасап жүргөндүр, кыргызча билбей, орусча сүйлөгөн уул-кызынын эмне кылып жүргөнү менен ишим жок эмес беле?" Мына бүгүн дал ошону ойлоп жүрөгү сыздап кетти. "Батма тарбиялаган кызын кара, бир бойомосу жок таза сулуулук", деп өзүнүн кыздарынын көзүн көгала кылып, оозун кызартып боёгонун эстеди: "Нукура сулуулук, кокус үлбүрөгөн жарык мага анын белгисин көрсөтпөгөндө өз кызымды…" деп ордунан тура калып сол ийни тарапка "түү, түү" деп койду.

Батма үйүнө келсе Акбари жок экен, үйүнө кирип эле эчкире диванга кулады. Солкулдаган жыйырма беш жашында болуп өткөн окуяны унутуп, кырк бешке чыгып жумуштан кыскарып, анын үстүнө айлыгы эч нерсеге жетпей калганда, күйөөсү өлгөндөн бери үйдө кызы менен алек болуп калган. Өзүн эч нерсеге жарабай калган карып сымал сезип, жалгыз кызынын гана келечегин ойлоп, ал үчүн кам көрүп калганда Жусуптун кучагына кысып, агала болгон чачынан жыттаганы анын тирүү жан экенин, кимгедир керектигин, эңсөө, күтүү куса жүрөгүндө билинбей жашап жатканын сезди: "Мен Ашымдын алдында күнөөлүмүн, ушул күнгө чейин алдап жашап келгенимди кара, аны эмес өзүмдү да алдап жашап келбедим беле?" ушуларды ойлонуп көпкө жатты: "Көрсө мен аны дале сүйөт турбайынбы, аны жек көрөм, көргүм да келбейт дегеним менен баары бир жакшы көрөт экемин да!" - деп улутунуп алды. Аңгыча Акбари келип калды.

- Оо-ой апаке, "кайда кетип калды?" деп сарсанаа болдуң го, үйдө жалгыз отуруп тажап кетип Минура келген экен, көчөгө чыгып кеткем.

- Мейли садага… - Батма ыйлаганын жашырмакка кызына түз карабай ары көздөй басты, ал тургай үнү да каргылданып калган.

- Апа, сага эмне болгон, үнүң эмне болуп калган? - Акбари апасынын жүзүнө тигилди, - ыйладыңбы?

- Жо-ок, эмнеге ыйламак элем, жөн эле… - кызынан жүзүн бура ашканасына кирди.

- Апа, сен менден бир нерсе жашырып атасың, бирөө бирдеме дедиби?

- Эч ким эч нерсе деген жок, койчу кызым, башым ооруп турат, жайыма койчу?!

- Апа-аа! - Акбари апасын карап дагы бирдеме демек болду, бирок эч нерсе дей албады. Адатынча таарына өз бөлмөсүнө кирип кетти: "Эмнеге менден сыр жашырат, бирдеме болбосо эмнеге ыйлайт, же менин тагдырыман кабатыр болуп жүрсө керек" деп отуруп алып ыйлап да алды. Ашканада чай кайнатып, кечки оокат жасап бүткөнчө Батма: "Капырай, тынч жаткан дүйнөмө кайрадан пайда болду, эми "сен Жусуптун кызы элең, Ашым сенин атаң эмес, боюма болуп калганда алган" деп кантип айтмак элем?" деп ойлоно берип ооруп чыкты. Эне-бала бири-бирине сөз суроодон айбыгып ошол кечте суз тамактанып жатып калышты.

Эртеси таң заарынан мамлекеттик машина келип аларга үйдүн дареги боюнча кагаз таштап тез арада көчүүгө буйруду, бул буйрук эмес эле, сурануу эле… Айдоочунун берген катын шашылыш ача салып окуган Батма үндөбөдү.

"Батма, ушул үйдү мен кызым үчүн атайы берип атам, сен мени кечиресиң, билем, сенин жүрөгүң мээримдүү, кечиримдүү экениңе ишенем, Акбариге азырынча эч нерсе айтпай эле кой, ал али жаш, экөөбүздүн жаштык кылганыбызга түшүнбөйт, анын жандүйнөсү ойго эзилип, капа болушун каалабайм, сен мени түшүн, улук башымды сүйүүм үчүн алдыңан өтүнүп кичик кылып отурам.

Сенин бир кездеги алдаган сүйүүң, Жусуп".

Катты окуган Батма делдээ туруп калганда Акбари үйдөн чыга калды:

- Апа, ким экен? - Апасына жеткиче кызынын үнүнөн селт эткен Батма бир колундагы үйдүн ачкычы, бир колундагы каты турганын аңдай калып катты ката коюп артына бурулду:

- Эч ким балам, сен деги кайдагы киши менен таанышкансың, үй берип, бизди тез арада көчсүн дептир!

- Коюңузчу?!

- Ырас айтам, бүгүн эки жагымды жыйнайын, адегенде сен үйдү көрүп келчи.

- Оо-ой, ырас болгон тура, качан көрүп келем?

- Эки сааттан кийин келебиз дешти.

- Макул апа, көчсө көчөлү, бул үйдүн ремонту да жок, чындап эле эскирген, анын үстүнө тар, эки бөлмөдө кыйналдык.

- Алда-аа балам ай, атаңдан калган үйдү кантебиз, бизди арбагы издеп таппай калат го? - Эне кызын ойлуу, телмире карады: "Аттиң, ушул кызымдын бактысы бийик болсо экен, кем болбосо экен, байлык бакыт болуп бербейт да" деген ой турду көңүлүндө, алар сүйлөшүп отурганда кайрадан эшик тыкылдады. Батма чыкса Бекмурат турган экен:

- Апа кандайсыз, Күкү үйдөбү? - Эшик ачылаары менен учурашып ал-жай сурады ал.

- Бар, бар, кир, кире кой!

- Жакшы болгон тура, - үйгө кирип Акбари менен баш ийкешип учурашты да, - бу сен апамды санааркатып коюп кайда жүрөсүң? - деп күлө карады.

- Ошондой болуп калды… - Акбари ушул учурда гана баягы Жусуп берген акчаны катып коюп унутуп калганын эстеди, - Мени төрага алдырыптыр, - деди эч нерсе оюнда жок эле. Ушул кезде апасы аны карай : "унчукпа" дегендей белги берди.

- Эмнеге? - Бекмурат күмөнсүрөй сурап ийди: "алар өтө сулуу кыздарды алдырып алып өздөрү каалагандай пайдаланат дешчү эле, муну анда…" деп ойлору чачкын боло түштү.

- Ал төрага биздин туугандарыбыздан болот, биз каттабай калганга чакырып коноктоп, келерки окуу жылында окуусуна жардам бермек болгон тура.

- Аа-аа, - Бекмурат эс ала түштү, - Жакшы болгон тура, андай болсо чоң окуу жайына кирип алсаң болот экен да.

- Ананчы, болгондо да Москвадан окутам деди.

- Москвага кетип каласыңбы?

- Окуш керек.

- Туура, окуп алганың жакшы.

Ошол учурда эшик тыкылдап, Батма өзү барып ачса үйдү көчүрүүгө келгендер экен.

- Ээ Күкү, басчы бери, - Батма босогодо туруп үн салды. Акбари келип босогодо турган эки жигитти көрдү да апасын суроолуу карады.

- Эмне болду?

- Бул балдар менен барып үйдү көрүп келчи!

- Макул, - Акбари дароо тигилердин артынан жөнөй берди. Аңгыча Бекмурат босогого келди эле Батма, - Баса сен Күкү менен кошо барып үйдү көрүп келсең болбойт беле, каап кетип калышты, - деп кейип калды.

- Эмне, үй алып атасыздарбы?

- Жок, тиги тууганыбыз атайы үй берип, көчүп баргыла деп шаштырып атат го?

- Кайда экен ал үй?

- Ошону билбейм, ошон үчүн Күкүнү көрүп кел деп жибердим да?

- Аа-аа, төрага өзү берип аткан соң жаман үй болбойт го?

- Та-аң, - Эне ойлуу бөлмөгө өттү, - Отур балам, Күкү келгиче телевизор көрө тур!

- Макул, - Бекмурат отуруп көзү телевизордо болгон менен: "булар эми көчүп кетип калса, Акбари Москвага окуса, мага азыр бербейт го. Кой, мен тезирээк ажырашып буга үйлөнүшүм керек, колдон чыгарганда болбойт, Москвага кетсе кошо кетем, минтип эзилип жүрө бергеним менен ажырап калам", деп өзүнө өзү убада берип атты.

Жусуп Акбаринин өз канынан жаралган кыз экенин билгенден кийин, Москвадагы өзүнүн досуна дайындап андан окууга сүйлөшүп, ал турсун кудалашууга даяр экендиги жөнүндө да макулдашып койду. Эртелетип жаңы үйгө көчүрүп, досун конокко чакырып, баласын кошо ала келүүсүн өтүндү: "Мен бир кездеги каталыгымдан жаралган кызды бактылуу кылышка милдеттүүмүн, ушундайда кыз менен баланы бири-бирине көрсөтүп, досумду менин сөзүмдү эки кылбай турган чекке жеткирүүм керек" деди ал оюнда: "Бул орунда дагы бир топ жыл калышыма көмөгү тийет" деп кубанып алды. Кийинки жумада Маматтын келээри белгилүү болду: "Шашылыш керек, бул жөнүндө Тамара билбегени дурус, ал билсе тууганымдын кызы деп коём" деген ойго токтоло өзүнчө бир жыйынтыкка келди.

Ошол эле күнү Батмалар көчүп келишти. Аларга эч нерсе жасатпай эки жигит менен Бекмурат көчүрүп келишти. Алты кабат үйдүн үчүнчүсүндөгү беш бөлмөлүү квартира экен, ичи ансыз да толо дүнүйө, килемдердин түрү, чет элдик мебелдерди көрүп Батма ичинен таң калды, бирок сыртына чыгара албады. Бир гана Бекмурат тууганыбыз дегенден эми шектене баштады: "Балким, Акбарини келин кылып алганга оюу бардыр, болбосо тууган эле болсо минтмек эмес" деп күмөнсүп, мындан ары Акбарини эртелетип алып кетпесе ажырап калаарын ачык түшүнүп турду. Акбаринин сүйүнгөнүн айтпа, бирок ал өзүнчө: "ал кишинин мага көңүлү түшүп калган го, болбосо ушунча дүнүйөсү менен беш бөлмө квартираны дароо эле бере коймок эмес.. Атамдай киши, бирок кантсе да мен анын сунушун четке кагууга акым жок, мындай адам оңой менен көрүнгөнгө минте бербейт, мен мындай жакшы адамдан балалуу болсом кайра жакшы эмеспи, жаманга кор болуп көп балалуу болгуча жакшыдан бир бала күткөн жакшы" деген чечимге келди. Эгер ошол тушта Жусуп Кадырович ага сөз айтса дароо макул болууга даяр эле… Тагдырдын тамашасы адам баласын оңду-солду чайпаганында - Батма өз оюу менен, Акбари өз ою менен, ал эми сарсанаага баткан Бекмурат өз ою менен. Ал тез арада Аймирадан биротоло ажырашып, Акбариге үйлөнүү жагын ата-энесине кеңешмекке кетти. Ал антип ата-энеси менен келише албай жатканда Акбаринин үйүндө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болду. Жусуп өзүнүн кишилерин жөнөтүп, дасторконго койчу ар түрдүү оокаттарды кошо жиберип, Акбари Батма экөө таң калып эле калышты. Акбари ички бөлмөгө сумка көтөрүп кирип кеткенде бириси Батмага кичинекей конверт кармата койду. Анда:

"Батиш, конушуңар жайлуу болсун, менин эс алуучу убактым эртең эле, ошон үчүн Москвадан келген досумду силер менен бирге тосуп, Акбаринин келечеги, окуусу жөнүндө сүйлөшөбүз. Бул акчага экөөңөр тең баалуу кийимдерден алып кийип, конок күтүүгө даяр болгула!

Саламым менен Жусуп" - деп кол коюп коюптур. Кат менен кошо бир тутам акча бар экен. Ошол күнү Акбари апасынын үйдө кийчү костюмун кийип алып жумуш жасап жүргөн эле. Чөнтөгүнө колун сала коюп колуна урунган кагазды ала коюп караса кат экен. Ал баягы Жусуптун Батмага жазган каты болчу. Аны таңыркап окуп алып делдээ туруп калган кызын көргөн эне өзүн жалдырай карап турган кызынын колундагы кагазга көзү түштү:

- Апа, ушул чынбы? - деди Акбари Батманы көздөрүн бакырайта карап. Айтпаска болбой калганын дароо сезген Батма көздөрүн ала кача:

- Ооба чын, кызым, - деди көзүн ала качып.

- Атамчы, ал менин…

- Ооба, ал байкуш сени каным деп жүрүп өттү…

- Кызы-ык…

- Ошондой кызым, сен эгер ага жолукпаганда билбейм, ачыкка чыкмак эмес…

- Анда мени атайы эле алдырып барган экен да? - деп Акбари ойлуу шалак этип диванга отура кетти. Ал кайдан билсин, карышкырга козуча уйпаланаарында, ынсапка чакырган өзүнүн дал энесиндей көкүрөгүндөгү бармактай калы экенин, өткөнүн эсине салганын. Кокус ошол калы көрүнбөгөндө ким билет, Акбаринин тагдыры кандай болот эле? Эне-бала аны сезбеди, тек "кайдан билди, ким билди мунун өзүнүн кызы экенин, эч ким билген жок эле, жүрөгүмдөгү сырды эч жанга айткан жок элем" деп Батма күнү-түнү ойлонуп аткан. Күткөн күн келип Жусуп менен Мамат төрт-беш киши менен кеч күүгүмдө келип калышты. Сөөлөт менен конок бөлмөгө өтүп орун алышты. Маматтын үчүнчү уулу Москвадан Ломоносовдо окуган, кыргыз тилин чала түшүнгөн жыйырма төрттөгү жигит экен. Жусуп үч кызды кызмат кылууга алып келип койду. Батма коноктордун жанында үй ээси катары сын-сыпаттанып отура берди. Акбари негедир алардын үстүнө кирбей ызаланып, башка бөлмөдө отура берди: "Кызык, мен башкача ойлоп жүрсөм, менин атам болуп калганын кара, эмнеге ушул убакка чейин атам экенин билгизбей жүрүп, атам өлгөндөн кийин ата болуп чыга келди? Эми эмне кылам?" деп кыжаалат болуп турганда Батма ага келип:

- Кызым, уяттуу коноктор күтүп калышты, сен эчтеке билбегендей эле кире бер, сенин анын кызы экениң жөнүндө сөз жок, биз тууганбыз, сени окутканга гана сүйлөшкөнү келиптир, - деп акырын шыбырай ээрчитип жөнөмөк болгондо:

- Оюнду жакшы коёт экен го, ушундайынан сени таштап кетип мен башка бирөөнүн баласы катары чоңойдум да, ээ? Ошол убакта неге ойлободу экен? Убагында экөөбүз тең керек болгон эмеспиз, ошол бойдон эле өз жашоосунан чийип салбайт беле?!

- Болду, ал менин боюмда барын билген эмес, андай эле күнөөлөгүң келсе мени күнөөлө, атаңа сени өз кызы эместигиңди да айтпаган, буга кызы бар экенин айтпаган менмин, уктуңбу? - Батманын үнү кардыгып чыкты. Батманын артынан чыгып келе жаткан Жусуп булардын баарын укту, жер айланкөчөк болуп теңселе туруп калды: "Оо чиркин дүйнө, канчалардын алдында сөөлөт күтүп, далайларды каарып, мага кабылуудан тайсалдаткан сүрүм кана?! Туура айтат, ошол көрбөгөн, билбеген бойдон калсам болмок.. Болот бул кызды кайдан да таба калды, өткөнгө кайрылууга аргасыз кылып" деп турган жеринде катып калды: "А кокус көнгөн адатымча ошол түнү билбеген бойдон өзүм билип койсом не болот эле?! Анда мунун да боюна бүтмөк, балким өз каным экенин билбей өз карамагыма алып, жайкысын чаңкаганда жутаар суусундуктай урунаар белем, ким билет.." деген ойду да ойлоп жиберди. Батма чыгып келатып Жусупту көрүп шашкалактап калды:

- Сиз да келатасызбы, Күкү азыр келет, кире бериңиз!

- Аа-аа, мен жөн эле... - Жусуп кайра артына басып келип ордуна отуруп калды. Акбари ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры өзүнө келип, жасанып-түзөнүп алып акырын кирип баш ийкей апасы жактагы столго отура калды.

- Оо бул кыз сеникиби Батма? Буйруса өзүм окутам, баары биздин колдо деп мактана албайм, бирок кадыр-барк бар али, буйруса! - Мамат бакылдай кетти.

- Рахмат, көзгө басаар жалгыз кызым, көзүмдүн тирүүсүндө өз ордун таап, окуп-чокуп алса деген оюм бар… - Батма ыңгайсыздана кызын карады.

- Эч кам санаба, керек болсо даярдоо курсуна киргизиш керек, чогуу эле кетебиз!

- Сени ошон үчүн чакырдым да досум, бул жактын эки тизгин бир чылбыры колдо турганда ушул "карындашымды" окутуп койойун деген оюм бар, - Жусуп "кызым" деп айтуудан айбыга атайы ошентти.

- Жуке, мен сага бир кеңеш берет элем, мына кыз чоңоюп деги калыптыр, ачык эле айтып, ата-бала экениңерди билгизип койгонуң жакшы го?

- Дос, мен катуу жаңылгам экемин, ал убак өттү-кетти дечи.. Муну Тамара билсе билесиң анын кыялын, жөн жерден күнөөлөнүп кетпейин, моралдык жактан бузулган деген күнөө койсо канттим? Эл алдында абийирим кетпейби?

- Өз абийириңиз ошончо бийик турабы, кызмат абалынан адамдык абийир бийик болоорун али да билбейт экенсиз, убагында апамдын абийири төгүлгөнүн ойлодуңуз беле? Мен сиздин жасаганыңыздын ушул иш үчүн экенин билсем, басып келмек эмесмин! - Акбари көздөрүнө жаш толо Жусупту ызалуу карап тике айтканда, ал башын жерге салып үнсүз отуруп калды.

- Күкү, чоң кишиге ушинтип айтканың туура эмес, болду! - Батма өзүн ыңгайсыз сезе, мурда-кийин дегеле катуу айтпаган кызын бу жолу кагып ийди.

- Апа, сиздин ошол кездеги абалыңызды, азаптанып көз жаш төккөнүңүздүн бирин да сезген эмес да ээ, эми келип мени "карындашым" дегеничи?!

- Болду! - Батма көзүнүн жашы чарасына толо Акбарини карай буйрук бере үнүн катуу чыгарып жибергенде ал үндөбөй отуруп, анан:

- Мен эч жака барбайм да, окубайм да, эртең өз үйүбүзгө көчөбүз! - деп ордунан туруп кетип калды.

Баары үнсүз көпкө отуруп калышты.

- Да, да-аа, ызаланып атат, эчтеке эмес, көнөт да, кайда бармак эле, - Мамат ортодогу оңтойсуз абалды оңдомок болуп жайкай сүйлөдү.

- Маке, бул сөз туура айтылып атат, мен ушуну укмакмын, анткени бул менин каталыгым, - Жусуп кызыңдай калп күлгөн болду, - Эчтеке эмес, бир мамлекет уккан адамды бирөө укпаса эчтеке болбойт, - деп карсылдай күлүп калды.

- Туура досум, элге өткөн сөзүң чыны балдарыңа кээде өтпөй да калат.

- Балаң эркелейт, эркелетесиң, элди эркелетпейсиң, аларга ишти аткарууга буйрук гана бересиң, - деп бир топко сүйлөшүп отуруп алдыга койдун эти келгенде үндөбөй калышты. Батма үнсүз отура берди. Жусуп Акбаринин бөлмөсүнө кирип барып ыйлап аткан кызды сооротууга алсыздык кылып турду: "кагып койсо канттим, жок-жок, антпейт, адеп укканга эрээркеп атат" деп ойлоп акырын барып чачынан сылай:

- Эркем менин, атаңдын күнөөсүн кеч кызым, мен жаңылгамын кезинде, ошол күнөөлөрүмдү жуумакка сенин бактың, келечегиң үчүн күрөшүп атпайынбы? - деп көпкө отурду. Акбари буркурап ыйлап Жусупту кучактап калды. Ошондогу Жусуптун мууну бошогонун айтпа: сүрдүү, кардуу адам, чыканактай көчөт кыздын алдында өзүн алсыз сезип турду. Ата-бала бир топко бири-бирин түшүнгөндөй бир аздан кийин:

- Кечирип коюңузчу, мен өзүмдү ызага алдырып ийдим, апам да айтып койбойт, сиздин катыңызды таап алдым…

- Эчтеке эмес, апаң эмне кылсын, айтууга кудурети жетпегендир. Жүрү кызым, тамактаналы, эртеңден сени Москвага учурушум керек! - деди Жусуп кызды колтуктай конок бөлмөгө карай басып баратып. Экөөнүн келатканын көргөн Батманын көздөрүнө жаш толо күлүңдөй карап турган экен: "аттиң, ата-бала болуп калганын кара, мен ушул күндү ойлодум беле, табышмагыңдан кагылайын жараткан, мени кечире көр" деп деген умсунуу, өкүнүү ичтен муңдуу күүнүн кайрыгындай кайталанып атты.

- Ээ досум, мына-мына, кызым экөөң тил табышып жакшы болду, келгиле эми, - Мамат аларды карай кубанычтуу алакан чабып калды.

- Ананчы, ушул кызымды көргөндөн бери кантип өзүмдү билдирем деп кандай сарсанаа болдум, - Жусуп кубанычын жашыра албай бапыраңдап атты, - Батиш, мына бул Акбаринин көрүндүгү, убагында акмакчылык менден кеткен, бирок үйбүлө, бала-чака күткөндөн кийин деле мен бир гана адамды сүйөөрүмдү сезип, ушул күнгө чейин Тамара менен салкынмын.

- Аныңды билем дос, бирок Тамара деле жаман аял эмес, сенин көтөрүлүп ушул даражага келишиңе ошонун салымы чоң!

- Ошон үчүн эле "Тамаш, Тамаш" деп коём, жүрөгүңдөн кабыл ала албасаң кыйын экен да!

- Туура көңүл арзуусу менен жүрөк арзуусунун айрымасы өтө чоң да, ушул сени төрага деп ким айтат, жөнөкөй адамдай жай баракат гана сүйүүнү кеп кылып отурасың, - Мамат санын чаба тамашалап күлүп калды.

- Эмне, төраганын жаны жок бекен? Ал да адам да, күйүп турган жүрөгү бар, эңсөөсү, эч кимге билинбеген арманы бар тирүү пенде да?

- Аның ырас, - Мамат Батманы карады, - Бу аяш, сүйлөп отурбайсыңбы, эми көрүшкөнсүп Жукем экөөбүз эле бакылдап атабыз.

- Менде эмненин кеби, сүйлөшө бериңиздер… - Батма ыңгайсыз абалдан дале чыгалбай отурган, ойлуу каш кагып койду, - бир кезде мен тоодон учуп, көлгө чөгүп же өзүмдү өзүм асып өлтүрүүгө жалгыз апамды кыйбай калсам, эми кубанычпы, кайгыбы мени нес кылып отурат. Нес болгонум, силер кеткенден кийин мени кызым суракка алып "эмнеге?" деген суроо берсе кандай жооп берем деген ой…

- Менин кызым эстүү, Батиш, сендей аялдын тарбиялаган кызы кантип жаман болсун, адеп көргөндө эле тарбиясы жакшы экенине ичим жылып сен жөнүндө ойлогом.

- Ашыра мактоонун кереги не, колуңда бийлик бар экен, максатыңа жеттиң, башка бирөө болсо өмүрү кечирмек эмесмин, сенин азыркы улук жолуңду сыйладым, ушунча эл сыйлаган адамды бир аял сыйлабай койсо болбойт го? - сырдуу, мээримдүү жылмайып койду Батма.

- Ыраазымын Батиш, силердин жаныңарда көп пенденин бири катары эле отурайынчы? - Карсылдай күлүп койду Жусуп.

Ойлогон ою ойдогудай бүткөнүнө ичтен кубанган Жусуп ошол эле күнү баарын чечип, Акбарини эртеси документтерин даярдатты да, үчүнчү күнү Москвага учуруп жиберди. Бирок ал Маматтын баласын жактыра койбосун даана түшүнүп турса да өз кызыкчылыгы үчүн аны жөнөттү.

Батма беш бөлмө үйдө, жансыз, тирүүлүктө оопа болуп бере албас кооз дүйнө ичинде кала берди, бирок ал да жашоонун кызыгы али бүтпөгөнүн, өзүнүн бирөөгө керек экенин унутуп койгонуна өзүнчө күлкүсү келип жатты. Кырк беш жаш жакшылап ойлоп көрсө кырчын курак тура! Арадан эки эле күн өтүп, түнкү саат ондордо эшиктин коңгуроосу чырылдады. Жаңы эле жатып алган Батма түнкү көйнөкчөн босогого жетти: "түн бир топ болуп калганда беймаал ким келмек, кокус менин жалгыз экенимди билген бирөө болуп жүрбөсүн" деген ой денесин дүр эттирип жиберди:

- Ким? - Үнү корккондой сыртка кулак түрдү.

- Мен, Батиш, мен эле… - Жусуптун үнүн таанып ачып жиберди.

- Түн катып кайдан, сизге эмне болду? - үрпөйө, кабагын сала босогодон жылбай суроо салды.

- Мен келдим асылым, бирөө жарым көрөт, бол кирейин! - дегенде Батма мындай боло берди.

- Ушул кантип болсун, баары бир шоопуруңузбу же дагы бири аялыңызга чагым кылса не болот?

- "Чегирткеден корккон эгин экпейт" деген сөз бар го, аны мен өз эркине койгомун, биз болгону закондуу эрди-катынбыз, жашоодо ал өзүнчө, мен өзүмчө - өз турмушума өзүм ээмин!

- Ошол кантип болсун? - Батма ич көйнөгү менен андан тартынгандай жол бошото берип эшикти жаап коюп өзү бөлмөсүнө өтүп кийинмекке жөнөгөндө Жусуп аны узатпай кучагына алды:

- Канча жылдан бери эңсегениме бүгүн жетмек болуп атсам менден качасыңбы, берекем?!

- Ошол айткандарың чын болсо менин айыпсыз жашым төгүлмөк эмес…

- Койчу эми, кечке эле таарына бересиңби? - болбой эле жаш жигиттерчесинен оозунан өбө баштаганда Батма канчадан бери бир нерсеси унутта калгандай болуп жүргөнгө ушул мүнөттөрдө өзүн сымаптай эритип жаткан өбүшүүнүн кумарынан көздөрү эрксиз жумулуп баратты. Жусуп аны так көтөрө өз бөлмөсүнө алып барып ошол эле бойдон үстүнө жатып аймалап баштаганда Батма чок баскандай көздөрүн ачып аны түрттү да:

- Келгенден кийин сени чай-пай ич дебегенимди кара, кой, даяр тамак бар, тамактаналы? - деп жоолугун оңдой ашкана тарапка басып кетти. Жусуп жылмая анын артынан басты. Батма өз ишине киришип чай коюп газга жанараак эле жасаган тамагын койду.

- Батиш, чайыңды тим коё турчу, менин чаңкоомду сенин гана кучагың толтурат, сенин гана илебиң тойгузат, - Кучагын жая келип бекем кучактап алганда Батма аны түртө албады. Экөө көпкө чейин тикесинен өбүшүп туруп, жеңил гана колтуктаган Жусуп аны түнөөчү бөлмөнү көздөй алып жөнөдү.

- Мен баягыдай болуп бере албайм го, муздак болуп, жүрөк алда качан тоңуп калган…

- Антпечи асылым, ансыз да кетирген каталыгымды, сенин алдыңда күнөөлүү экенимди ойлонуп өзүмдү кечире албай жүргөнүмдө, минтип капысынан эле силерди таап алып бактылуу болуп жүрөм.

- Бир түн…болгондо да көз жашка толгон түн, анда мен сага жакшы нерсе тартуулай алган эмесмин, сен да көпкүлөң элең, жаш элең, баарына кол шилтеп койгонсуң…

- Туура алтыным, ошолордун баарын эми чыгарып, сени жомоктогудай гана жашоого алып келем! Акбари окуп алса, турмушка чыкса, анан экөөбүз ойдогудай өмүр өткөрөбүз.

- Ошол кантип болсун, мен күйөөмдүн арбагы алдында сенден боюмда барын жашырып күнөөлүү болгонум аз келгенсип, анын төшөгүн тебелеткеним болбойт го?

- Баарын унут жаным, мени бакытка бөлөп, махабатка магдыратчы?!

- Кантип? - Жумшак диванда Жусуптун эркинен чыга албаган Батма алсыз гана шыбырады.

- Мына минтип! - Жусуп анын төшүн аймалап, экөө заматта жаш келин менен күйөөсүндөй уйпалашып жатты. Чиркин десең, Батманын кийинки кездерде негедир бир нерсени эңсегендей, узун түндө уйкусуз өткөргөн күндөрүнүн бүгүнкү бакытка магдыратканы түшүндөй сезилип көзүн ачпаган бойдон Жусупту бекем кучактап жалынычтуу шыбыры гана бөлмөдө шоокум салып түнкү тынчтыкты бузуп турду. Бир топко жүрөк толкундаткан эңсөөлөрү басылгандан кийин гана экөө тең чалкасынан шыпты тиктей үнсүз жатып калышты. Батма ордунан обдулуп жуунганга турмак болгондо Жусуп тургузбай кучактап алды.

- Жата турчу, кумарым кангыча кучагыма кысып, моокумум тарагыча жыттап алайын…

- Бала болуп кетесиңби? - Батма наздуу жылмайып койду.

- Сенин ушул сулуулугуңду, назыңды, кылыгыңды башкага, болгондо да байлык менен мансапка алмаштырганыма өкүнүп турам.

- Бул эми тагдыр да, көрсө экөөбүздү сынаган экен, эки суунун кошулушундай бир нукка агаарыбызды элестетмек турсун ойлогон эмесмин..

- Ошол тагдырга ыраазымын, эми мага кызматтын да кереги жок, алса ала койсун, Тамара менен ажырашам дагы биротоло өзүңө келем.

- Койчу, ошол кантип болсун?

- Эмнеге болбойт экен, болтурабыз, жашым алтымышка барайын деп калды, эми эс алууга чыгам да, кызматтан баш тартам.

- Өзүң бил, бирок мен сени кабыл ала албайм!

- Неге?! - Жусуп таң калгандай Батманын жүзүн өзүнө буруп көзүнө тике карады.

- Биздин ушунубуз балдарга да, коомчулукка да жат, сенин балдарың чоңоюп калды, алар бизге тынчтык бербейт, өзүңө сөз тийип калат.

- Анын баарын ойлонуп койгонум, мыйзамдаштырабыз да.

- Билбейм, алар сени эмес, мени күнөөлөшөт го, апасынын сөзүн сүйлөйт да?

- Алардан коркпо! - Экөө тең үндөбөй калды. Батма андан ары ашыкча сөз айтууга даабай:

- Мен турайын, газдагы тамак кайнап соолуп кетти, туруп жуун, бирдеме ичели.

Акырын туруп жуунуп ашканасына өттү. Бир аздан кийин экөө бет маңдай отуруп тамактанып отурушту. Ошол түн Батманын өмүрүнө жазды алып келди, айтылбаган сөз калбады. Жусуп чын дилинен аны сүйөөрүн, аргасыз тагдырын өзү такалап алганына ичинен сызып жүргөнүн айтканда Батма терең улутунуп алды. Канткен менен көкүрөгүн өйүгөн бир өкүнүчү жел учурган камгактай чачырап барып кайрадан куюндай уюлгуган сарсанаа жүрөк башын түмпүйтүп: "Аттиң, ушул ырахатын, сүйүүнүн өчпөгөн сезимдерин, мээримин жаш кезинде тартууласа болбойт беле, жашым элүүгө жакындаганда укканга, көргөнгө жаман көрүнүп, төраганын ойношу деген атка конбосом болду, алардын биздин жаш кезибиздеги унутулбас сезимибиз менен иши эмне" деп дагы шуу этип үшкүрүп ийди. Жусуп таңга маал чыгып баратып кыялбай Батманы көпкө бооруна кысып туруп, жүзүнөн сүйүп анан жөнөп кетти. Шалдайган Батма анын артынан көпкө карап туруп улутунуп алып көздөрүнөн тамчылап аткан көз жашын байкабай калганын сезе чоочугандай эшикти жаап төркү бөлмөсүнө өтүп, эмелеги Жусуптун туруп кеткен ордуна кыйшая, бир колу менен жаткан жерин сылай көпкө жата берди. Анан тээ бир кездеги Ашымдын айткан сөзүн эстеп атты: "Батма, ушул сен мени сүйбөйсүң, сүйсөң башкача болот элең, сенин жүрөгүңдө бирөө бар, айтчы жашырбай, мен деле сүйүү менен жашагым келет, кучагымда өтө сузсуң, мерезсиң", деген эле. Ошондо: "Койчу Ашыке, мен өзүм ушундай жаралгамын го, болбосо мен сени гана сүйөм, сен деп гана жашайм" деп колун мойнуна артылта эркелеп койгон. Бирок Ашым: "Жалган Батиш, сен мени көңүлүмдү гана көтөрүп койдуң" деген эле…

***

Алийма менен сүйлөшүп отуруп таңды атырып ийди. Токтокан жамбаштап жаткан бойдон ойго чөмүлүп уйкуга кеткенинин сезбей баратты. Алийма бир аздан кийин:

- Сен эмне аны сүйө албадыңбы? - деди эле жооп болбоду, - уктадыңбы?

- Көзүм илинип кеткен турбайбы, - козголо башын көтөрдү, - бирдеме дедимби?

- Аны сүйө албадыңбы десем унчукпайсың…

- Жо-ок, аны сүйө албай койдум, ошон үчүн биротоло алыс кетүүнү туура көрдүм, сүйүү дегенди сыйлаш керек, сүйүүнүн азап-тозогуна мен ал кишидей күйө албайм, анткени мен аны сүйбөйм, аны да, өзүмдү да кыйнагым келбеди, андан көрө катардагы эле бирөөнүн аялы болгонум жакшы… - Токтокан түйшөлө улутунуп алды, - Мен дагы эстен тандырган сүйүүгө кабылаармын, сүйүп, сүйдүрүп анан жашоо кандай гана бакыт?

- Сүйүп, сүйгөнүңө жетсең жакшы, жетпесең андан өткөн арман жок, - Алийма аны коштоп койду, - Мен өтө жаш кезимде сүйүүнүн азабына кабылып ушул убакка чейин жалгыз ошонун атын жүрөгүмө тумар кылып жашап келатам.

- Өзүм сүйүп көрсөм арман кылбас элем, анткени менин да жүрөгүм бар экенине, адам экениме ошондо гана баа бермекмин, сүйүүнүн бар экенин билбей макулукча жашап өтүү мен үчүн арман!

- Аның ырас, сүйүүнү жакшы көрүү менен алмаштырып күн кечирген кандай өкүнүчтүү?

- Мен чыныгы сүйүүнү көргүм, даамын татып, ырахатына бөлөнүп, чөктүрсө чөгүп, жашоодо сүйүүнүн бар экенин сезсем бактылуу болот элем.

- Макул эми, калган сөздү эртең сүйлөшөлү, бир аз тук этип алалы, таң атып кетти.

- Жакшы жат! - Экөө уктамак болуп дымый түштү. Уйку адамды алеки саатта сыйкырлап, белгисиз чексиздикке жетелегенин сезбей калат эмеспи тирүү пенде. Эртеси шашке ченде ойгонгон Алийма чай койуп, тамагын жылытып коюп анан Токтоканды тургузду. Тамактанып алып, ал базардагы жумушуна кетти. Ал ошол кезде базарда соода кылып жүргөн эле. Кийим-кече сатат.

- Келип тур, азырынча биз менен жашай бер, - деди Алийма ал жөнөп жатканда.

- Сөзсүз келем, - деген Токтокан ылдамдай басып кетти. Өзүнчө ойлуу аны узата карап турду Алийма: "байкуш, кандай татынакай кыз эле, жашоодон, адамдардан көңүлү калып, тагдырына нааразы болуп жүргөн экен" деп кейип алды. Жайна туруп алып:

- Апа, чай ичем, - деди артынан келип кучактап.

- Коё бер кызым, жүрү чай куюп берейин, белен чай бар.

- Апа, мен суу ташып берем ээ? - деди көңүлү жайдарылана. Анткени үч-төрт литрлик идишке күндө үч-төрт жолу бешинчи кабатка суу көтөрүп чыкчу. Аз күндөн бери тумоолоп калганга өздөрү ташып калышкан эле..

Алийма беш кабат шарты жок үйгө көчүп келгени абдан кыйналды, же соода кылганга акчасы жок, пирожки сатса жарымы өтүп жарымы калып калат, аны бир отуруп жеп алышса карыз болуп калат. Он үч он төрттөгү уулуна тачка айдатса ал өз курсагын тойгузуп кечинде эки-үч нанды зорго алып келет. Бир күнү анын иштеп жаткан жерине барып:

- Балам, нанга акча берчи, түшкүгө эчтеке жок, - деп кызы экөө барды эле:

- Жок, эми иштейм, - деп тачкисин сүйрөп басып кетти. Кызына көзүн ымдап: "ушундай туруп тур" деп белги берди да шашыла уулунун артынан басып баратып самсага кезекке турганда артына туруп алды. Жыйырма сомдукту сунуп бир самса алып бери бурула берген уулу уялып кетип:

- Самса жейсизби? - деп колундагы калган акчасын сунганда Алийманын жүрөгү он жеринен тилингендей зыр эттире сайгылашып: "кудай ай, ушул балам кандай адам болоор экен, биз ачка отурсак… жок-жок, бала эмеспи, балким жумуш жок, бар тапканы ушудур" деп калган он эки сомду алып боюнда бар кызына өнтөлөп нан алып барып чай берди. Ошол кезде Алийманын көзүнөн жаш ордуна кан агып, жүрөгү туз куйгандай ачышып атты: "Бул күндөрүбүз өтөөр, ушулар унутулаар, жокчулукту бекем эрк менен жеңишим керек, мен жеңилбейм" деп өзүн өзү чыйралтты. Коңшу жашаган белгилүү акын бар эле, ал бир күнү Алиймага:

- Ээ Алийма, менин сүйгөнүм бар, сен ошого мени ээрчитип барбайсыңбы, ал мени жолотпой атат, ортомчу болосуң да? - деп калды.

- Тааныбаган немеге ортомчу болчу беле?

- Эмнеге болбосун, экөөбүз барабыз, - деди.

- Кой айланайын, өзүм зорго жүргөндө.. Малик, сен кызык экенсиң.

- Койбой эле, ал дагы ыр жазат, экөөбүз гезит чыгарганы жатабыз, ал мени биротоло гезитти өткөрүп бер деп атат, сен деле иштешсең болот.

- Гезиттен көңүлүм калган, гезитке кирем деп биртике соодамды коротуп алып минтип ушул үйгө туш келдим.

Малик болбой акидей асылып атып ошол күнү Алийманы ээрчитип Сажирага жөнөдү. Экөө келгенде анын үйүндө чоң баласы бар экен. Ал Маликти жактырбай бир карап коюп чыгып кеткенде Сажира:

- Малик, сен кызыксың, балдар эми чоңойду, сенин өзүңдү эмес чыгармачылыгыңды сыйлайм, сүйөм, бирок эми биздин арабыз алыстап калган эмеспи, болбойт эми, тынч эле жашайлычы, сенин үйбүлөң бар, аялың билип калса дагы мага каргыш жаадырып жүрбөсүн, - деди уулунан тарткынчыктаганын ачык билдире.

- Сажи, койчу эми, экөөбүздү эл билет, балдарың да түшүнөт, биз иштешкени жатпайбызбы? - Малик ага күнөөлүүдөй айтты.

- Жок болбойт! - Сажира карайып алган экен, болбоду. Экөө кеч күүгүмдө анын үйүнөн чыгышты.

- Кой, мен кетейин, - Алийма ага карады эле:

- Азыр, мен сени сыйлайм Алийма, рахмат сага, менин тилимди алып ээрчип келгениңе. Сажира мени сүйөт байкуш, баласы каршы болуп атпайбы, - деп өзүн өзү жубатты ал, - Көрөсүң, ал мага кайра эле келет, - деди өзүнчө жыргап күлө. Экөө ээрчишип бир кафенин эшигине келгенде Малик: - Азыр, мен кирип чыгайын, - деди да кирип кетти.

- Көп кечикпе Малик, мен маршрутка токтой электе кетип калайын.

- Азыр… - Шыпылдай кирип кетип көп кечикпей эле кайра эле чыкты, - Менин таанышым жок экен, ал болгондо экөөбүздү сыйламак.

Экөө андан ары үнсүз ээрчише басты.

- Мен кетем Малик, сен кайда барсаң айда бар, - Алийма чоң жолду көздөй басканда ал болбоду:

- Алийма, сен экөөбүздүн бири-бирибизге жаман оюбуз жок, мен сага досторумду көрсөтөйүн дедим эле, жүрү бул жерде бир дос бар, киребиз, - деп болбой эле жетелеп алды. Алийма анын бала кыял мүнөзүн кыя албай, шагын сындыра албай кошо жүрүп түн кирип кетти. Ал бир үйгө кирип дагы бат эле чыкты, - Ой булар да үйүндө жок экен, жүрү, - деп дагы бир жакка жөнөгөндө Маликти токтото Алийма минтти:

- Кызыксың Малик, сени кыялбай ээрчип жүрө берип мен талаада түнөймбү, жатаканабыз туруп сен эмне эле эшик түртүп жатасың, сенин чыгармачылыгыңды гана сыйлап атам, башка бирөө болгондо алда качан кетмекмин.

- Азыр саат ондон өтүп кетти, унаанын баары токтоп калды, менин дагы бир таанышым бар, ошол жерге жатып алып кетебиз, - дегенде Алийма болбой Совет көчөсүнө чыгып бир топко жол күттү, унаа жок, акыры айласы кете Маликтин айтканына көндү. Алар ээрчишип бир мектептин кароолчусуна барышты. Ал экөөнө эптеп жатып алууга бир бөлмө берди. Алийма кийимчен мугалимдин столунун үстүнө эптеп жатып алып таң аткыча Маликке жини келип атты. Таң кылайар менен турду да ага карабай чыгып кетти: "Экинчи сени ээрчибей калайын, уяты жок десе, бир адамга кадыры жок туруп адамды ээрчитип алганын кара" деп жини келип кетип атты. Шарты жок үйдө бир бөлмөгө түтөтүп от жагып чай кайнатып жаткан кызы ага:

- Кайда жүрөсүз, түнү менен ойлонуп аттык, - деди карала болгон көө колдорун аарчый.

- Ой тиги Малик болбой бирөө менен тааныштырам деп ээрчитип алып, кеч болуп кетип келе албай калбадымбы.

- Ошого ишенип ээрчип аласыңбы? - Кызы жактырбагандай ары карап өз ишине киришти.

- Койсоңчу, ал өзү ичкен менен элге, өкмөткө кадырлуу, кой антпе, - Алийма сыртынан сыр бербей ички үйгө кирди. Арадан эки күн өттү. Сажира өзү издеп келип калды. Ичинен жаман көрүп турса да:

- Кел, кел, - деп аны күлө бага карады Алийма.

- Малик кайсында турат?

- Мына бул, азыр үйүндө жок го дейм…

- Кайда кетти экен? - Көздөрүн капкара кылып боёп алган экен, кара тору бетине таптакыр жарашпай калыптыр: "тобо-оо, өзүнө жарашкыдай жүрсө болмок экен" деп ойлогон Алийма:

- Кайда барат, коёт - бизге айтпайт, күтөм десең кирип күтө тур, - деди ага сылык-сыпаа.

- Бир аз күтөйүн, - Сажира үйгө кирди. Алийманын жупуну үйүнө таң калса керек, унчукпай төргө төшөлгөн төшөккө отура кетти, - Ал эми көпкө кечикпей келет болду бекен?

- Эми аны билбейм, кээде эрте келип үйүндө жүргөн болот, кээде келбей да калат.

- Алийма эже, сиз жагып калдыңыз, экөөбүз иштешели, мен Маликке ишенбейм, ал бир сөзүнө турбайт, аны мен жакшы билем, - Сажира Алийманы карады.

- Иштешкенден качпайм, мага сенин ишеничиңди актоо керек, бирок жумушта ар бирибиз жоопкерчилигибизди сезишибиз керек.

- Ананчы, экөөбүз биригели эже, мен гезиттин макетин түзүп, материалды даярдап койгомун, кийинки жума буйруса чыгарабыз.

- Болуптур, мен даярмын! - Экөө чай ичип отуруп аркы-беркини сүйлөшүп аялдарча сырдашып да кетишти. Маликти колунан келишинче жамандап отурду Сажира.

- Мен анын кийимин таза жууп, тазалап, жаңы костюм-шым алып берип катарга кошуп койгомун, жанагы аялы абдан түшүнүксүз неме экен, болбосо мен Маликти жазуучулардын арасында койкойтуп гана алып жүрмөкмүн.

- Эми ар кимдин өз түшүнүгү бар да, жакшы эркекти жаман кылган дагы, жаман эркекти катарга кошуп койгон да аял болот экен, чыны Маликтин жүрүш-турушуна кам көрсө болмок, болбосо үйбүлөсүн сурамжылап багат экен, кайдан кимден болсо да сурана берет тура..

- Кадыр-баркын кетирип алганы кыйын болду, аялы жакшы болсо аны куштай кылып алып жүрмөк да.

- Кой экөөбүз анын кулагын кызарткыча, өз арабабызды кылдыраталы.

- Ошону айтсаңыз, кыялын айтасың да болбосо… - Сажира шыпшына отуруп калды. Тез эле кетем деген Сажира түш оогончо отуруп, Малик келгенде гана анын бөлмөсүнө кирип кетти. Адатта айтылуу, элге аттын кашкасындай белгилүү адамды мындай турмушта жашайт деп кара аламан калк элестетпесе деле керек. Чыгармачыл адамда колдон сүйөөр жан шериги көптүн бири болсо анда кадыр-баркына да доо кетээри белгилүү го? Аял үйдүн куту, керек жерде жоктон бар кылып, дасторконун кенен жайып, турмуштун ачуу-таттуусуна чыдап, ошол жандүйнөсү таза жарынын кысталышта турганын сезип өбөк-жөлөк болгондо гана жакшы атка конот. Абийирин төгүп, дос, жоро-жолдошуна жаркылдап эшик ачпаса жакшы адамдын кең дүйнөсү тарып, үзөңгүлөш теңтуштарынын алдында кадыры түшүп, акыры суранып-тиленгенге өтүп, арак деген азгырылма оокаттын артынан түшүп, өзүнүн адам экенин унутуп, "кайда болсо мамайдын көрү" дегендей баткакка оонап мээримдүү аял, жылуу төшөк, жакшы сөз издеп калаары чын. Малик да аял дүйнөсүнөн мээрмандуулукту, назиктикти, абийирди издеп жүрүп Сажирага бир кезде жолуккан окшойбойбу?

Алийма менен Сажира иштеше турган болду. Өтө сыр чечишпеген менен эки аял бир топ тирешүү менен иш башташты. Алийма ага өтө эле сырдашып сыр айтпады. Гезиттери чыгат, бир азы сатыктан өтүп, калганы калып анчалык киреше алып келбеди. Үчүнчү санын чыгарышканда Алийма Сажираны коноктоп коймок болуп сары жүрмөдөн салып, жакшылап бешбармак жасады. Бул кезде Сажира Маликтин үйүндө түнөп калган эле.

- Сажира, тамак бышты, жүрү биздикине эле барып отургула, - деп баш бакты эле, кечээги ичкенден башы ооруп турган ал ордунан турбай:

- Эже, баш жарылып турат, ысык бирдеме бербесеңиз болбойт, ушул жерге эле ичеличи, - деди.

- Сажира, менин кызым келип калышы мүмкүн, Алийманыкына эле барбайлыбы? - Малик кыйылып эшик жакты элеңдей карап, балача мостойду.

- Жок ай Малик, мен эчтекеден коркпойм, кызың эмес аялың келсе да коркпойм, апкел эже, дал ушул жерден ичебиз! - Сажира ага моюн бере койбоду. Алийма: "бербестин ашы бышпас болбоюн" деген ойдо дасторкон жайып чоң табакка үстүнө сары жүрмөнү туурап, чык куюлган бешбармакты ортого булоолонтуп койду. Бир бөтөлкө дагы бар. Аңгыча коңшулары Гүлайша менен Балбай деген киши келип калды. Алар ортодогу тамактан алып, жүздөп жутуп калганда Маликтин кызы баш багып тигилердин: "кел, кир бери" дегенине карабай кайра көрүнбөй калды. Көп өтпөй эле Маликтин аялы эшиктен көрүнүп "кел" дегендерине карабай өтүп барып жарым жылаңач отуруп тамактанып аткан Сажиранын жамынып отурган төшөгүн сыйрып алып өзүн колунан тартып тургузду да элейип турган күйөөсүн башка-көзгө койгулап кирди. Залкар акынды ачуулана сабай берип, акыры чарчагандай эле болду. Кой-ай дегенди укпады. Аны карап тургандар тамак ичмек турсун ордуларынан туруп "эми эмне болот" дегендей карап турушканда бери басып келген аял өзүн шер сезди белем, дасторкон үстүндөгү табакты көтөрүп жерге бир уруп, эми Маликти табак менен ургулап жатты. Алар антип жатканда эшиктен аялдардын дабышы чыгып Балбайдын аялы ар кайсыны сүйлөп кирип келди.

- Эмне, булар ошондой эле кыйын бекен, көрсөтүп коём мен буларга! - анын кызуулугу даана байкалган менен кимге ачууланганы белгисиз тигилер аны карап элейишти эле, Балбай аялын жетелеп чыгып кетти.

- Эмне, таң калып турасыңарбы, баргыла үйүңөргө! - Маликтин аялы чаңырганда жана бакылдап аткан ойнош байкуштун көтү кууш белем, Сажира үйдөн чыга качты.

"Мына аял деген чалкыган деңиз, аял деген мээрман жан, айкөл эне… аялдын албууттугу эл баштаган улуу адамды да, темирдей эрктүү жанды да, не бир чыгармачылмын деген акын-жазуучуңду да эл алдында сындырып коёт. Болоор-болбос иш үчүн ушунча чуу көтөргөн аялды үйдүн куту деп айтууга кантип болсун? Мындай аялга кийимдин жакшысы, акча, ойноп-күлүү гана керек, мындайлар өмүрлүк жарды сыйлай албы?" деп өзүнүн тайкы түшүнүгүнө салып чайкаган Алийма Сажираны кийинте салып, сыртка чыгарып жиберди. Бутундагы сандалынын да кайда калганын билбей, ага кызынын бут кийимин кийгизип жөнөтүп жиберип, өзү үйүнө кирди. Маликти аялы баласындай сабап-каргап шилеп туруп кетип калды. Эркектин жакасын таза жууп, тамагын баптап, аялдык камкордук көрбөсө, тапканын шыпырып алып өзүн карабаса анан кантип кызганат болду экен.. Жылуу сөз менен, бейпил жашоодон кантип адам качмак?

Малик ошондон кийин эч ким менен сүйлөшпөй да, сыртка чыкпай дагы көпкө жүрдү. Сажира чыгарган гезитинен гонорар катары Алиймага берет, Маликке берет, экөө ошентип иштешип атты. Бир күнү Алийма от жагып тамак жасап жатса кошуналарынын бири келип:

- Эже, сиздикине келип жүргөн аял аябай мас, остановкада отурат, барып алып келбесеңиз эч нерсе билбейт, - деп калды.

- Койчу, ошончолук эле мас бекен? - Алийма чоочуй ордунан турду.

- Эми аның мас болсо барбай эле койчу, ушулардыкы өттү, жалаң ичкендерди теңтуш кылып аласың, - деп кызы ортодон чыкты.

- Кой балам, барбасам болбойт, көргөн киши эмне дейт, уят эмеспи, соопту кайдан табабыз, - Эшикке карай жөнөдү Алийма

- Киргизбейм! - артынан жиндене үн салды кызы. Алийма остоновкага барса эч нерсени билбеген Сажира отуруп алып үргүлөп аткан экен. Алийма аны колтуктап жөнөгөндө:

- Ко-оё бе-рр дейм, ссе-ен ким-сииң ыя, ме-мени ккай-да ал-лып ббар-расыс? - деп колдорун силке ордунан турбай тартынып, ал турсун сөгүнүп кирди.

- Эй Сажира, сага эмне болгон, бул жердегилер сага чоочун, уят эмеспи, бас үйгө барып эс ал!

- Аа-аа, си-из Ал-ий-ма эжесизби, мен… ме-ен ма-ас эмес-ми-ин, ма-ас деп ойлоп ат-асы-збы? - деп эптеп турмак болду эле бирок боюн токтото албады. Алийма аны эптеп жөлөп таяп-чоң жолдон өтүп өзү жашаган үйгө алып келди. Сажира ар кайсыны сүйлөп атып жатып калды. Бутунда бут кийими жок, башындагы жоолугу жок..

Эртеси башын жерге салып отурду. Бир аздан кийин дагы Маликтин үйүнө кетти. Алийма ага кызынын бут кийимин берди. Ошол бойдон алардын үстүнө кирген да жок. Бирок Сажира ошондон кийин өзүнөн өзү эле туураланып, кергиштеп Алиймадан оолактай баштады. Балким ал өзүн мас абалда талаада калганына уялып жаткандыр, бирок Алийма анын мамилесин анча жактыра бербеди. Гезити жакшы өтпөй, иши кыйчалыштап туруп алды. Алийма анын бере турган жүз элүү гезитине да караган жок, катташпай калды. Сажира эки-үч жолу келип үндөдү, баары бир барбады. Гезит да чыкпады. Эми чындап баарынан көңүлү калды Алийманын. Өзүнчө күнүмдүк оокат, тиричилик өткөрүп жан багууга киришти. Ошол күнү түштөн кийин ал темир чогулткан аялдарга кошулуп темир жолго кеткен, келсе үйүндө банкага салынган гүл турат:

- Ой, бул гүлдү ким алып келди? - ал таңкала карады гүлдү.

- Баягы Кадырбек аке келиптир, сизди күтүп отуруп кетти.

- Ии-ий кокуй десе, бүгүн менин туулган күнүм эмес беле, рахмат, унутпай келип кеткенине, - Алийма ыраазы боло жылмайып койду, - өзүм унуткан турбайынбы? Чай бердиңби анан?

- Ооба, жанында дагы бир журналист бар экен…

***

Батма ойлуу бир топко отуруп калды: "Кызым эмне болуп атты экен? Кызык, менин пешенеме ушундай жазылган тура, Жусуп дагы эле мени сүйөт экен" деп ойлоп ордунан туруп бою менен тең күзгүгө келип өзүн каранып көпкө турду: "Али картая элек турбаймынбы, Күкү ооруп калып, Ашым өлгөндөн кийин эле өзүмдү унутуп койупмун. Көрсө кырк беш жашың али суйсалган курак тура" деп чачтарын оңдоп түйө, Жусуп алып берген узун халаты өзүнө жарашып турганына өзүнчө эрдемсий түштү: "Жусуп мени сүйсүн эми, артыман далай жигиттер жүгүрүп жүргөндө ал мени ара жолго таштап, ошол Ашым ошол кыйынчылыктан сууруп алган" деп Ашымды ойлоп улутунуп алды: "Артында тукум калган жок, балким Күкүнүн өз баласы эмес экенин билсе да мени сүйгөнүнөн сездирбей жүрүп өткөндүр, мени чындыкты айтат деп күткөндүр, өмүрү өткүчө чындыкты угууга далбастагандыр", деп өңү өзгөрүлө түштү. Ошол кезде телефон шыңгыр этип анын ойлорун бузуп жиберди. Бир паска өзүн колго алып аста басып телефонду алганга даабай турду. Жаны тынбай чырылдаган телефондун трубкасына колун созуп баратып: "ким болду экен, Жусуп эле го?" деп ойлоп акырын алды да кулагына алып барды:

- Ал-оо, Батишсиңби? - артынан Жусуптун үнү угулду.

- Ооба…

- Алоо, сүйүнчү Батиш, Акбари менен сүйлөштүм, аны даярдоо курсуна киргизиптир, анан дагы тойго камына бер, ушул жума кызды күйөөгө узатабыз, экөөбүз Москвага барышыбыз керек!

- Кантип, Акбари макул бекен?

- Оо-ой Батиш, балдар макул болбосо аларды зордомок беле, сүйлөшкөндүр да, бүгүн мага атайын чалышты!

- Азыр эрте го, окууну окуп алгандан кийин деле…

- Ээ жаным ай, азыркы балдар баягы биз эмес да, анын үстүнө, Акбарини колдон чыгарып жибербейли деп атышкан го, "жакшыны жатка чыгарба" дегендей, кызым чанда жаралчу жан да, ха-ха-ха! - Жусуп телефондон карсылдап күлүп атты. Батма телефонду коюп диванга барып отуруп калды: "Капырай, бат эле макулдашып ийгенин, балким Күкүнүн макулдугусуз эле чечип коюштубу?" деп дел боло, канаты болсо кызына учуп жетип өз оозунан угуп анан эс алгысы бар, бирок жакын жер эмес эле. Ал күнү Батма көпкө отурду, эмне кылаарын билбеди. Жусуп бу жолу да бийлигине салып, кирген суудай көбүктөнүп, ийримине урунган адамды алып жыкчудай болуп турганын, кыздын арты менен май талкан жерде дагы көпкө турууга атайын чалма ыргытып жатканын Батма кайдан билсин.

Эшиктин коңгуроосу чыр эткенде ордунан турду:

- Ким бул?

- Мен апа, Бекмуратмын!

- Аа-аа, - Батма эшикти ачып жиберди, - Кел айланайын, бу кайдан?

- Үйдөн эле… - Бекмурат эки жакты карап бутун чечип үйгө өтүп баратып сурап койду, - Күкү жокпу апа?

- Аа-аа, ал Москвага кеткенине эки жумадай болуп калды.

- Коюңузчу, ушунча тез кеттиби? - Бекмурат ишенкиребей сурады.

- Ооба, абдан тез кетти! - Батма шалдырай отура кетти, - отур балам, көчүк басып чай-пай ич!

- Азыр… - Бекмурат эмне дээрин да билбеди, заматта анын оюна Акбариден айрылганы келди: "демек эми мен көрө албайт экемин да".

- Аны эртелетип жөнөттү, даярдоо курсуна киргизип, жазда Ломоносов университетине окутабыз дешти го? - Батма Бекмураттын оюн билип тургандай Акбари жөнүндө сөз баштады, - Кыргызстандан эле окусун десем болбоду…

- Мм… - Бекмураттын айласы кетип турган эле, ал ата-энесине айтып, ал турсун даярдантып койгонун эстеди, - Анда-аа мен ага жакында, балким биротоло жолуга албайт экемин да?

- Ошондой болуп калды, эмки жумада алардын үйлөнүү тою да өтөт экен.

- Кимдердин?! - Бекмурат ким жөнүндө айтып атканына түшүнбөй энени чоочугандай карады.

- Күкү менен аяшыбыздын баласы үйлөнмөк болуптур.

- Койчу?!

- Чын, мен эмки жумада тойго бара турган болдум, - Батма Бекмураттан көзүн ала кача күнөөлүүдөй ордунан туруп ашкана тарапка басты, - Жүр, жүрө кой, мен дагы жалгыз эчтеме иче албай отурдум эле.

- Жок апа, ичтим… - Бекмурат ордунан туруп баратып өзүн карап турган Батманы Акбариге окшотуп жиберди: "аябай сулуу аял экен, ушул кезге чейин байкабапмын, көңүлү тынганга толуп да калган го?" деп ойлогуча:

- Ай Бекмурат, "куттуу үйдөн кур чыкпа" деген, балам, бас келип бирдеме ооз тий, жок дегенде.

- Мейли апа, сизди таарынтып албайын, - ал кайрылып келип ашкандагы мурдагы үйүнө окшобогон күзгүдөй жалтыраган столдун четине отура кетти.

- Капа болбо балам, сенин бактыңа да бирөө тургандыр…

- Апа, антип мени сооротпосоңуз, атайы менден качырдыңыз окшойт, мен ата-энеме айтып акылдашып келген элем да?

- Эми балам, "жүгүргөн албайт, буйруган алат" деген ошол экен да, мен деле Күкүмдү жанымдан чыгаргым келген эмес, айла жок…

- …?

- Ала гой, - Батма анын алдына чоң чыныга тамак куюп койду, - Тагдыр менен тайлашканга болобу, сендей күйөө балалуу болсом дечү элем, бирок тагдыр бизди ушинтип койду, жалгызым да, сен да бактылуу болсоңор болду, мындан ары "Күкү жок" дебей келип тур!

- Аа-аа, - Бекмурат Батманын сүйлөп жатканын карап ойлуу отурган, - Макул, келип турам, - деп койду көзүн албаган бойдон: "тобо-оо, мен эмне болуп турам, өзүм сүйгөн кыздын энесин жакшы көрүп калдымбы, жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес, мен Күкүнү көргүм келген, аны сагындым, ошого…" деп көзүн тартып алып тамактын кашыгын кармалап туруп калды. Бири улуу, бири толуп-болуп турган жаш жигиттин тагдырлары бир өзөндөгү жай калкып аккан суудай бир кезде бири-биринен ажырагыс болуп калаарын азыр экөө тең сезишпеди. Көңүлү тынып, Акбари оорусунан айыгып, ал турсун күтпөгөн бакыт аларды кучагына алып, эч нерседен кеми жок, май көл, сүт көл турмуш аны чынында баралына келтирип ушул он беш, жыйырма күндүн ичинде өңүнө чыга түшкөн эле Батма. Бекмурат тамагын аягына чейин ичип бүтпөй эле ордунан турду.

- Жакшы калыңыз, мен барайын, - Босогого келгенде Батманы дагы бир ирээт карап алды да чыга жөнөдү.

- Келип тур балам, көрүп деги калдың үйдү, эне-бала болуп калбадыкпы, унутпа! - Батма оюнда эч нерсе жок эле ага чын дили менен айтып турду. Бою узун, кең далылуу, кара каш, кара көз жигитти акыркы жолу көрүп тургандай көпкө карап: "каап, кызым ушул эле карапайым жигитке күйөөгө чыкса болбойт беле, эми тиги кызматкер адамдар анын кадырына жетээр бекен, эмнеси болсо да бактылуу болсунчу" деп ойлонуп эшигин жаап үйгө кирип, кайрадан жалгыздыктын кучагында ойлорго жетеленди.

Эки күндөн кийин Акбариден кат келди. Почтальон алып келген катты шашып-бушуп ачып окуп атты:

- "Апа, кандай денсоолугуң, мен болсо жакшы эле жүрөм. Мени болсо атайын эле күйөөгө бергенге алып келген тура. Ал баланы өзүң деле көрбөдүң беле, мен окуй турган университеттин акыркы курсунда окуйт экен. Баарынан кызыгы, ал мени кызганып эч жакка чыгарбайт, күнү-түнү жанымда. Тойду да сүйлөшүп койду. Мен аны менен жашап кете аламбы, ошол табышмак. Мен аны сүйбөйм да? Ал болсо көрөөрү менен эле сүйүп калган имиш. Кызык апа, бир көрүп сүйүп калууга болобу? Үйбүлөсү абдан жакшы экен. Баары эле жакшы көрүп атат, бирок мен адашып калган сыяктуу аларга көнө албай койдум. Баса, Бекмурат келип атабы, эмне кылып жүрөт, эми ойлосом аны мен жакшы көрөт окшойм, эми гана жалгызсырап аны көп ойлоочу болдум. Ага кыйын эле болду ээ, апа? Эмесе жакшы тур. Тойдо келесиңер да, көрүшкөнчө аман бол апа!

кызың Акбари".

Катты кармаган колу калчылдап көзүнүн жашы он тала болуп эки бети ылдый тоголонуп кагазга түшүп жатты: "Садагам ай, өзүң сүйбөй тийип жашоонун кайсы ырахатын көрөөр экенсиң?! Аттиң, Бекмураттай эле күйөө балалуу болсом болбойт беле, оңбой кал Жусуп, кызымды кайдагы немеге берип жатасың" деп ойлонуп алып телефондун жанына жетип барганын өзү да сезбей калды. Жусуп кабинетинин телефонун калтырып кеткен болчу, дароо терип кирди:

- Алоо, угуп жатам, - Жусуптун үнү угулду.

- Мен…мен эле, Батма!

- Аа-аа Батиш, сенсиңби, эмне болду, тынччылыкпы?

- Жусуп…Жусуп, сен кызды күйөөгө берүүдөн жаңылган жоксуңбу, балким ал баланы сүйбөсө… - Үнү дирилдей буулуп чыгып жатты.

- Эмне дейсиң?

- Сүйбөсө жашоо кандай болот, жыйырма жыл сен мени өзүм сүйбөгөн адамга аргасыз кылдың эле… сүйүүсүз жашоо кандай экенин мен жакшы билем!

- Койсоңчу Батиш, баланын сөзүн сүйлөбөй, сен эми токтолбодуңбу, мен кантип эле ошол кызымдын бактысын ойлобойун, билсең сенден көбүрөөк ойлоочу болдум.

- Ошонуң чын болсо аны бул жакка алып кел, ушул жерден деле окуп-чокуп адам болот, өзүң деле Фрунзенин мектебинен чыкпадың беле?!

- Мага кишилер келип калды, калганын жолугушканда… - Жусуп телефонду коюп койду. Батма ыйлаган бойдон колундагы Акбаринин катын уучтап отура берди…

***

Бекмурат чыгып баратып кечээ эле өз үйүндө болгон окуяларды эстей жигиттик намысына чыдай албай көзүнөн жаш тегеренип кетти. Ал үйүнө шашып барган. Атасына сырттан учурашып үйүнө кирсе Аймира бар экен: "Бул эмне келип алды, баары бир кетирем, мен Акбарисиз жашай албасымды ачык эле айтам" деген ойдо ага көңүл бурбай эле апасына учурашып өз бөлмөсүнө өттү. Артынан кирген Аймира:

- Жадагалса киши катары учурашып койбойсуң, - деп таарына кетти.

- Мен барбасам эмнеге келдиң, азыр келбей тур дебедим беле? - Бекмурат тескери караган бойдон бурк этти.

- Өзүм келиптирминби, апаң барып алып келди, андай эле көргүң келбей атса азыр да кете берем, сага эле күнүм калып калган жери жок!

- Туура кыласың, - жүктөн жаздык алып төргө жатып алды.

- Мен сенин ушундай кылаарыңды билгем, кары кишинин көңүлүн калтырбай келбедимби? - Аймира ыйлап кийим-кечесин чогулта баштады. Экөөнүн сөздөрүн оозгу бөлмөдө отурган эне угуп кирип келди:

- Ээ балам, сага эмне болду, Аймираны мен барып алып келдим, бул эми биздин бүлөбүз, андан көрө бойтоңдоп оокатыңарды кылгыла, ботом жаштар да силердей болобу? Силерди шаарга бөлүп коёлу, чогуу болбосоңор болбойт экен.

- Үйлөнбөйм десе болбойсуңар, ал жакка буга эмне бар, силер менен эле жашай берсин, мен кетем! - Бекмурат кайра турду да сыртка чыкты.

- Мен эмне, сенин ата-энең менен жашайт бекем, ушунча сыйлаганым жетет! - Аймира баштыкка салынган кийими менен чемоданын көтөрүп ыйлаган бойдон анын артынан жөнөдү.

- Жашабасаң бара бер, мен бүгүн эле кетем!

- Ой бала, бул сенин дени-кардың сообу, ал дагы бирөөнүн баласы, андан көрө кетирбей алып кал, тур карма!

- Кармагандай качагаан ат беле, бара берсин!

- Ата-аңдын оозун урайын десе, бул сен кайдан чыккан баласың ыя, баш алуу эле оңой дейсиңби? - Атасы сөгүнүп уулун акырая карады.

- Мен катын алам деп силерди кыйнадым беле, өзүңөр алгансыңар!

- Ко-окуй чал, бул балаң бизди кыйнамак болду го?

- Атасынын оозун урайын ушунун, маа десе картаң бойдок аталып жүрө берсин! - Атасы колун шилтеп ары басып кетти. Апасы Аймираны токтотмок болгон менен ал болбоду. Ошентип Аймира кеткенден кийин Бекмурат үйүнө кирип кетти. Эки күн тултуюп унчукпады. Эртеси эле Аймиранын төркүндөрү бергендерин машина алып келип жүктөп кетишти. Эч кимиси үндөгөн жок. Акыры ата-эне баланы кыймак беле, атасы жанына отуруп алып сырын тартты:

- Ата, мен башка кызды сүйөм, ал кыздан айрылсам өмүр бою үйлөнбөйм, - Бекмурат атасынын сөзгө келгенине сүйүнө ички сырын айтты.

- Мен ушунуңду сезгем балам, мындай оюң бар - тартынбай эле мурун айтпайт белең?

- Ошондой болуп калды, азыр ал кыз Москвага кеткени жатат, эртелетишибиз керек!

- Кандай кылайын дейсиң анан?

- Алып келем!

- Анда болбой калат балам, эртең эле тигилер эмне дешет, бүгүн кетирип эле эртең алып келсең…

- Эмне болмок эле, алчусун алып кетпедиби?

- Ошондо деле, душманды курчутуп аласың.

- Эмне кылса ошол кылсын!

- Ой бала, чырактай кызын алып туруп теңсинбей кетирип ийсең душман болбой коймок беле? - апасы сөзгө кошулуп наалып кирди.

- Койгулачы апа, колунан келгенин кылсын, мен анда ошол жактан эле үйлөнүп алам.

- Баса, - деди атасы кемпирин карап, - кемпир, муну тиги Апсаматтын үйүнө үйлөнтүп койолу, эч ким деле билбейт, акыры үйгө келет да?

- Өзүң бил абышка, өзүнүн каалаганын аткарып жүрүп ушуну сен жаман көндүрдүң.

- Атасынын көрү, эми ошолордон коркуп жүрмөк белек, болду уулум, кам-кашегибиз менен биз барып калабыз, барып макулдата бер! - деди Бекмураттын далысын таптай.

- Болуптур ата, сүйлөштүк анда, эртең мен барайын да бүтүрүп анан сиздерге жообун айтам, ыраазымын ата! - Бекмурат кудуңдап сүйүнүп бөлмөсүнө кирип жатып калды. Апасы өзүнчө кобуранып атты:

- Сүйүү-мүйүүсү жок эле жашачы элек, азыркылардын такыр уяты да жок, бирөөнүн ай мончоктой кызын теңсинбей кетирип кайра башканы алса коңшу-колоң деле эмне дейт, ботом?

- Ээ кемпир, эмне кыласың, азыркы жаштардын оюна койбосоң эмне болуп кетет, чабал, сөз көтөрүмү жок, дароо эле өлөм деп чыгат.

- Анысы да бар балекеттин, каалаганын кылсынчы деги, - эне наалып тим болуп калды.

Бекмурат эртеси эрте туруп шаарга жөнөдү. Көз алдында Акбари менен үйлөнүп жатканы тартылып өзүнчө бактылуу болуп кетип атты: "Үйлөнүүгө Күкү макул болсо эле болду, апасы каршы деле болбойт". Алып учуп жетип келип Акбаринин Москвага кеткенин угуп шалдайып, супсуну сууп калган. Эми баягы Акбари менен бирге басып жүргөн бакка келип отургучта отуруп аны эстеп жатты: "Сенин минтип тез эле кетип калаарыңды билгенде айтпай эле агамдыкына алып кетип калмакмын" деп ойлоду. Кеч күүгүмдө Апсаматтын үйүнө барды. Жеңеси аны көрө коюп эле:

- Кайда жүрөсүң ыя, агаң сени ойлоп кабатыр болуп атат, бир жакка кетсең айтып койсоң боло?

- Ой жеңе, кечээ үйгө баргам, бүгүн келдим.

- Ийи, мейли анда, иши кылып тынч жүрсөң болду. Окууң кандай, жакшы элеби?

- Баары жайында, менден кабатырланбагыла жеңе, эми мен бала эмесмин го?

- Ошентсе деле ойлонот экенсиң, келин баланы бул жерге алып келип алсаң жакшы болмок, эки күндүн биринде айылга жөнөй бербей.

- Жеңе аны эмне кыласыз, ал кетти төркүнүнө, эми ал келбейт, андан көрө башка келин киргизип берем! - Бекмурат жеңесин карап жылмайып койду.

- Эмне, сен аны кетирип ийдиңби?

- Өзү кетти, ошонусу жакшы болду.

- Эмнеси жакшы, Аймира жаш, жакшынакай келин эмес беле, бекер кылыпсың!

- Жакшы келиниңер жакшы күйөөнү таап алат да.

- Апе-ей… - Жеңеси андан ары унчукпай калды. Бекмурат ойлонуп жата берди: "Демек, анын азабын тартып жүрүп өтөт экемин да? Эмнеге ал мени тоготуп койбоду, балким ал мени сүйгөн эместир.. Арадан билинбей жыл өттү, мен аны менен оорулуу кезинде да бирге отурсам өзүмдү бактылуу сезчү элем, бирок жүрөктү багындырыш кыйын, ал өзү сулуу, менменсип мени теңине албады го?" деп түн киргенин сезбей жата берди: "Мен эми кайрылып барбашым керек, кокус барсам кызына окшоштуруп апасын сүйүп калбайын, жок-жок сүйбөйм, балким…" өз суроосуна өзү жооп таба албай түйшөлө берди.

Мезгил жазга таяп сыртта жамгыр себелеп, жаздын алгачкы мээримдүү абасы көңүл көтөрүп, эргитип турган. Сыртка чыкты, кере-кере дем алып чиренип алды. Жаздын түнү да кандай ырахат. Ал ошол учурда кайрадан Акбарини эстеди: "Кантип атты экен, балким тийе турган күйөөсүнүн ийнине башын жөлөп алып бактылуу болуп отургандыр, же ага көңүлү жок аргасыз макул болгондур, деги эле аларга жардам берген адам ким, эмнеси болот, анчалык деле кудуреттүү эмес эле.. Дарегин алып, Москвага барсамбы, Акбари мени карабай койсо канттим?" кайрадан үйгө кирип жатып калды. Көзү илинип кетти. Түш көрдү, түшүндө Акбари кирип атыптыр. Экөө бет маңдай бирдемени сүйлөшүп атыптыр. Өзү негедир ага сүйүүсүн айтып жаткансыйт. Акбари аны кабак бүркөй карап коюп узун аппак көйнөгүнүн этегин көрсөтүп жатыптыр. Көйнөктүн этеги тептегерек болуп кыпкызыл так болуп калган экен, аны сөөмөйү менен көрсөтүп колу менен бетин жабат, Бекмурат аны сооротмок болуп колун көзүнөн тартып алып өпмөк болду эле, Акбари эмес эле Батма турат, "Сиз" деп алып артка кетенчиктеп качып баратып бир нерсеге уруна артын караса - Акбари! Эки жакты элтеңдей карап: "Акбари, Күкү, мен сени издеп жүрбөйүнбү" десе ал башкача күлүп: "Мен эмесмин, тигине мен тияктамын, сен мени издебе?" деп коюп упузун болуп кайдадыр жок болуп кетти: "Күкү, мен сени сүйө-өөм!" деген бойдон ордунан обдулуп кетти. Кара терге түшүп калыптыр. Ошол маалда таң кылайып калган экен. Агасы баш багып:

_-Ой, сага эмне болду? - деди.

- Эчтеке, - деп ары бурулуп жатып алды.

- Бу сен бала, бирдемеден чоочудуң окшойт?

- Эмнеден чоочумак элем?

- Ким билет, киши менен сүйлөшпөй эле өзүң менен өзүң болуп калдың, сырыңды айтпай жүрүп ооруп калба?

- Кудай сактасын!

- Иши кылып өзүңө сак болчу, катуу кыйкырып ийсең коркуп кеттим.

- Эмне, жинди болуп кеттиби деп ойлодуңузбу?

- Жок ой, жөн эле… - Апсамат инисинин сөзүнө тайсалдай чыгып кетти.

Бекмурат ошол бойдон уктабады: "Кызык, бул эмне деген түш, Акбари баары бир меники болбойт экен да, демек мен сүйүүдөн жаңылдымбы, же тагдырым ушундайбы, атамдарга да айтып койдум эле, эптеп бир кызды киргизип алсамбы, Күкүнү унутуп калаармын, мени ээрчиген кыздар толуп атпайбы" деп толгон ойдун торунан чыга албай жатканда агасынын кичүү баласы кирди:

- Аке, чай ичсин деп атат.

- Азыр…

- Болуңуз эрте!

- Бара бер, азыр барам.

- Тез келиңиз! - деген тестиер бала чыгып кетти: "Эмнеге эле "чай ич, чай ич" дей беришет, кардым ток эле, ачканы деле билинбейт.. Кой, чын эле минтип жүрө берсем бир кыз үчүн жинди болуп калбайын" деп ойлонуп туруп кийинди да жуунуп келип столго отурду. Агасы жумушуна эбак кетиптир. Жеңеси ага үндөбөй тамак куюп берип:

- Өңүң кер сары болуп калыптыр да, сен ооруп жүрөт окшойсуң, окууңду коё туруп эле эс алсаң боло? - деди.

- Ооруган деле жокмун жеңе, эч кабатыр болбоңуз, - күлүп койду.

- Же бир кыйнаган санааң бар, сен бирөөнү ойлонуп азап чегип жүрсөң керек, карачы түрүңдү, уктабасаң керек түндө?

- Тынч эле уктадым, кимди ойломок элем? - Бекмурат жеңесинин сезгичтигине таң кала ички сырын жашырып койду.

- Мейли өзүң бил, "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген бар, сырдашсаң сырдашууга даярмын…

- Чын элеби? - Бекмурат жылмая карады: "чын эле, бугумду айтып бир жакшы кызды киргизип алайын, унутайын аны, өзүмдү өзүм кыйнай бербей" деген ойдо турганда:

- Сен Аймираны албай эле коё турсаң болмок экен, чечкинсиздик кылып койдуң окшойт, жылуулук сезим болбосо аны да, өзүңдү да кыйнап алдың го?

- Жеңе, силер эле, "үйлөн-үйлөн", дей берип.

- Кызык, карт бойдок атанбай үй бүлө күтсүн дедик да?

- Чын эле жеңе, мен башканы сүйөм, Аймираны кетирдим, эми аны алып келиш керек, атамдар бул жакка үйлөнтөбүз дешти, сиз каршы болбойсузбу?

- Эмнеге каршы болмок элем, алып келе бер, санааркаба эч!

- Рахмат жеңе, бир жуманын ичинде келин киргизип берем!

- Болду, келе колуңду?!

- Мына! - Экөө кол алышып күлүп калды.

- Алдаган жоксуңбу?

- Эмнеге, атамдар келсе бир жумадан кийин алып келмей болду деп коюңуз!

- Болуптур, мен дагы кам-кашегимди көрөйүн анда.

Бекмурат бир аз өзүн жеңилдеп калгандай сезип окуусуна жөнөдү. Өзү менен окуган Элвира деген кызды издеп, кирээри менен эле эки жагын элеңдеп атты. Кашайып ал дагы көрүнбөдү. Калбүбү деген кыз ага жебиреп атты. Анын сөзүн укпай эле карап отура берди: "Калбүбү деле татынакай кыз, сол жак бетиндеги калы өзүнө жарашып сулуу көрсөтүп турат, бою башы керилген кыз, эмнеге башында эле ушуну көрбөй Күкүнү көрүп калдым, жанымдагы кыздарды көрбөй кайдагы бир азап алып келчү кызды көргөнүмдү кара", деп ойлуу отура берди.

- Эй Бекмурат, эмнеге мелтирейсиң, мен сага сүйлөп жатам го, укпагандай жалдырайсың да? - Калбүбү аны карыдан ала түртүп ийди, - Сага эмне болгон?

- Мен сени сүйүп калдым! - Бекмурат аны мелтиреп караган бойдон жооп узатты.

- Эмне-е? - Калбүбү уялганынанбы, кыпкызыл болуп чыккан бетин баса, - Сен кызыксың го?

- Эмнеси кызык, же мен сүйүүгө татыктуу эмесминби?

- Жок, деги да… - Калбүбү ары карап кетти. Ошол бойдон экөө тең унчукпады. Студенттер сыртка чыкканда Бекмурат Калбүбүнү караса бирөөнү күтүп тургандай арыта экен. Жанына басып барды:

- Калбүбү, жүрү бир аз басып келели?

- Мен бирөөнү күтүп аттым эле…

- Демек, жигитиң бар экен да?

- Кызык, сен бүгүн эмне болуп калгансың Бекмурат? - кыз аны карады.

- Эмне болуптурмун? - Бекмурат кыздын көздөрүнө тигилди: "Күкүнүн көздөрүнө окшобойт, ал такыр эч кимге окшобогон кыз, аны мен өмүр бою издей берем, издей берем, талыкпайм да чарчабайм" деп турганда:

- Бекмурат… - деп Калбүбү аны дагы түрттү, - эмнени ойлоп жатасың?

- Сени! - Бекмурат ошол турушунан жазбай жооп берди.

- Сен бүгүн таптакыр башкачасың, сөзүң дагы бир кызык.

- Эмнеге, сүйүүгө кабылып калганым күнөөбү?

- Элдин баары эле сүйөт, сүйүүгө кабылат.

- Алар жалган сүйүшөт, сүйүү эмне экенин билишпейт, сүйөм деп айта беришет, сүйүүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңсо ошондо гана сезишмек, сүйүүнүн кандай экенин.

- Сен жөн эле романтик, философ болуп кетипсиң го?

- Мени сүйүү ошого алпарып атат, кана мени менен сейилдегени барасыңбы же?

- Ма-акул, басса басып келели, - Калбүбү жылмайып аны колтуктай басып жөнөдү.

- Калбүбү, сүйүп көрдүң беле?

- Жо-ок, мен сүйүүнү китептен окуйм, анан азыр сенден угуп атам, - Калбүбү сүйкүмдүү карап жылмайып койду.

- А мен сүйүүдөн жинди болуп баратам! - Бекмурат да аны карап жылмайып койду.

- Койсоң Бекмурат, мурда таптакыр мага карачу эмессиң, сен менин жүрөгүм менен ойногону турасыңбы?

- Ооба, чын айтып жатам, сени башынан эле жакшы көрөм, бирок айтууга даабай жүрдүм… - "Үйлөнсөм ушуга үйлөнүп алайын, ата-энеме, жеңемдерге дагы жагат" деп ойлонуп койду ал, - үйлөнүп албайлыбы, Калбүбү?

- Эмне-е?!

- Ошол, мен сени шакабалаган жерим жок, эмки жумада сени сөзсүз алып кетем!

- Аа-ай, сен кызыксың го?

- Кызык эмей эле, мен сага үйлөнөм!

- Ойлонууга убакыт бер Бекмурат, дароо эле үйлөнүүнү сунуш кылат деп күткөн эмесмин.

- Бир жума убакыт бар, дал ушул күнү сени агамдыкына алып кетем!

- Бекмурат, ойносоң да ойлонуп сүйлөчү, анчалык эле тез үйлөнүүгө эмне себеп?

- Мен сени башкаларга алдырып жиберемби деп коркуп атам, эгер мени жактырбасаң ачыгын айт? - Экөө көпкө чейин талашып-тартышып жатып эки бөлүндү. Бекмурат Калбүбүдөн бөлүнгөндөн кийин өзүнчө күлкүсү келди, каткырып да алды, эки жагын караса эч ким деле жок. Бирок жаман абалда болду: "Ошентип тобокел деп үйлөнмөк болдум, тагдырымдан көрдүм, Калбүбү жакшы келин болот, ал мага уул-кыз төрөп берет, анан бактылуу болобуз" деп өзүн өзү сооротуп атып эсине Батма түштү: "бир барып Москвага качан жөнөй турганын билип келсемби" деп эрксизден алар жашаган тарапка кадам таштаганын сезбей калды. Бекмурат келгенде Жусуп жаңы эле кетип, Батма конокко барчудай жасанып алган. Эшикти ача койгондо эле анын атырынын жыты бур дей түштү. Босогодогу кийим илгичте эркектин халаты илинип турат: "Бул күйөөгө тийип алган го, же болбосо төраганын ойношу болуп калганбы?" деп ойлоп ийди.

- Кел балам, кел! - Батма эшикти ачып эле Бекмуратты көрүп ыңгайсыздана калды, - Эртең Москвага жөнөмөкпүз, ошого даярданып жаттым эле…

- Чын эле Күкү күйөөгө чыга турган болдубу?

- Ооба, ооба, балам, ушундай экен да жашоо дегениң, алдыда эмне болоорун билбейт экенбиз, сен Күкүгө капа болбо садага, бактылуу эле болсо болду жалгызым.

- Күкүгө эмес, тагдырга капамын, ушундай боло турган болсо көзүмө көрсөтпөй койбойбу?

- Алда-аа айланайын ай, мен деле Күкүнү көндүрүп сенин кылган жакшылыгыңды айтып жүргөм, анан капыстан ушундай болуп калды…

- Мен аны унута аламбы, ошого таңмын, кайда карабайын анын көз карашы, тозок болду го мен үчүн…

- Кел Бекмурат, тамак иччи балам, жаңы жасалган тамак бар, ошондон иччи! - Батма сөздү башка жакка бура идишке тамак куюп алдына коюп, дасторкон үстүнө дүйүм тамактарын алып келди, - Көп капа болбо, тезирээк үйлөнүп алсаң баарын унутасың, - Батма өзү башка бөлмөгө кийимин чечингени чыгып баратып, - отура тур ээ балам, мен азыр… - деп кетти.

Бекмурат анын кетип аташын көз кыйыгы менен карап турду да кыска юбкадан чыгып турган аппак балтырларынын узун, түптүз болуп турганына негедир эркектик напсиси бузулуп ордунан туруп шырп алдырбай ал кирип кеткен бөлмөнү көздөй басты. Батма ошол учурда үй кийимин киймекке адегенде кофтасын чечти, андан кийин юбкасын ылдый шыпырып арыта турган халатын алып үстүнө жаба бери бурула берип өзүн карап жалдырай босогодо турган Бекмуратты көрүп жүрөгү "болк" этип алды. Оозунан сөзү түшүп көкүрөгүн шашыла топчуламак болуп басып баратып өзүн көздөй келаткан Бекмуратты карап:

- Эмне болду сага, балам? - үрпөйө мууну калчылдай түштү.

- Сиз Күкүгө аябай окшошсуз, тим эле союп каптагандай, - деп түз эле келе берди.

- Ай-ай, Бекмурат!…

Бекмурат жетип эле бекем кучактап алып аймалап кирди, Батма аны түртүп каршылык кылган менен олбурлуу, күчкө толуп турган жигитке алы жетмек эмес эле. Эркектин карылуу кучагы, жан-алы калбай бүт денесин өпкүлөгөнгө ал да аялдык сезимине алдана аргасыз анын эркине көнүп тим койду:

- Сиз ушунчалык окшошсуз, сиз сулуусуз, мен ошол аруу кыздын жытын искей албай калдым, анткени үйүмө алып барып ата-энемдин алдына жүзүн жарык кылып таза алайын деген элем… - Бекмурат шыбырап жатып Батманы жерден так көтөрүп ички бөлмөдөгү диванга алып барды. Дивандын үстүндө эки жаздык, эми эле эки адам жатып туруп кеткендей: "Бул аялдын ойношу бар экен да, демек мен деле келип турсам болот тура, ушунча сулуу аял болуп туруп көз жаздымда калмак беле?" деген ойдо диванга Батманы жаткырды да көкүрөгү ачык халатын дароо чечип ыргытып чоло-оо жерин калтырбай өпкүлөп киндиги тушка келгенде:

- Садагам ай, мени кечире көр, - деп шыбыраган Батма Бекмураттын жонунан бекем кучактап көздөрүн жума ырахатка батып атты. Көпкө чейин экөө бири-биринин улуу-кичүү экенин унутуп аймалашып атты:

- Сизди мен эч кимге бербейм, мен сиздин ойношуңуз болом, Күкүгө жетпей калдым деп санаанын сазына батып жүргөндө сиз гана мени ал саздан сууруп аласыз!

- Сен жашсың, үйлөнүшүң керек, убакыт деген баарын дарылайт, садагам менин, бир топ жашартып койдуң, - Батма жаткан жеринен Бекмураттын мойнунан кыса кучактап, бетинен өөп койду.

- Жаным, азыр мен өзүмдү жаш кыз менен жаткандай сезип жатам, карачы, аппак денеңдин жумшактыгын! Аялдардын баарынын денеси сиздикиндей болсо… - Бекмурат ушул азыр Батма эмес эле Акбари менен жаткандай элестетип Батманын көздөрүнөн, оозунан, ууртунан өөп, - Шириним менин, асылкечим, мен сенин дидарыңды көрбөй кантип жашап өтөм, сенден ажыраганым өлгөнүм, - деп жалынып-жалбара берди. Экөө бири-бирин ырахатка бөлөп бир соолуп, бир көл шал болуп тердеп жатып убакыттын өткөнүн сезбей калышты.

- Кой, сен эми бар, экинчи бул үйгө келчү болбо, биз эми бири-бирибизди тааныбайбыз, - Батма жумшак колдору менен Бекмураттын жылаңач денесин сылап атып ушинтти.

- Макул, мен кетем, бирок келбе дебеңиз, мен эми сизди унуталбайм, кечирип коюңуз, Күкүнү унуталбай жаман болуп жүрөм. Жок дегенде ызам тарагыча, биротоло суугуча келип турайын…

- Өзүң бил, бирок мендей улгайган аялдан табаарың эмне, мен сага жакшы нерсе бере аламбы?

- Сиз мага кыздан да укмуш экенсиз, айрымабыз жыйырма жаш эле экен… жыйырма жаш эчтеке эмес… - Бекмурат чын дили менен айтып жатты.

- Кой антпе, - Батма ордунан туруп жуунганы кетти. Бекмурат кийимин кийип да жуунбай эле сыртка чыкмак болуп баратып:

- Мен кеттим, сиз качан келесиз, түндөсү келсем болобу же күндүзбү?

- Каалаганыңдай болсун, бир жумадай үйдө болбойм, - Батма ага чындыгын айтты, - Келбе десем болбойсуң, үйдө киши болоордо өзүм айтам, - деп жылмайып койгондо Бекмураттын маңдайында Акбари тургандай болуп кетти. Жетип бекем кучактап, узакка өөп алды да чыгып кетти. Батма анын артынан карап туруп анан артына бурулуп күзгүгө келди: "чын эле жапжаш көрүнөт турбайынбы, кызым менин, секелегим, кечирип кой, сени сүйгөн адамдын кучагында болдум, сени сүйүп, сен деп акылынан адашкан пенденин жарпын жаздым, мен деле тирүү жан экемин, Жусуп эмне, кашкулактан айрымасы жок, акчаны, байлыкты, мансапты сүйлөп сенин эмнени каалап жатканың менен иши да жок, жарпыңды жазаар дарамети да ченемдүү", деп ойлоп эч нерсеге көңүлү келбей азыр эле өзүн ырахатка бөлөгөн алп денелүү жигиттин кучагын кайрадан эңсей диванга жата кетти: "Келип турам дедиби, Жусуп жокто пайдалана берейин, эмнем кетиптир?! Таза жашап, так жүрүп эчтеме тапканым жок, эми бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай калайын, жалгыз жашап жашоодон тажап кетпейинби, кызым балалуу болсо сөзсүз багып алам, эрмек болот", деп сансыз ойдун кучагында термелип жата берди.

Белгиленген күнү Батманы самолёт менен алып кетти Жусуп. Алар келгенде Москванын эң чоң ресторанында кыз-жигиттер менен кошо барпыраган аппак көйнөкчөн Акбари апасын тозуп алды. Кызынын кабак-кашын карады: "аттиң ай, көңүлү жок окшойт, эми эмне кылам, тойду болтурбай, кызымды алып кеткенде да болбойт. Бекмурат экөөнүн ортосунда менин жүзүм карайды, болоору болду, бойоосу канды - жаш эмеспи, көнүп кетээр", деп ойлоп ийди.

- Апа, кандай денсоолук, аябай жашарып кеткенсиз го! - Акбари Батманы кучактап алып эки бетинен өөп, - Апа, Шарипке менин көңүлүм деле жок, эмне кылаарымды билбейм, сиз бирдеке деңизчи? - деп шыбырады кулагына.

- Кызым, ушул күнгө жеткирбей бир чарасын көрсөң болмок, коноктордун баары чакырылып , алды келип калганда эмне кылмаксың, чечкиндүү болуп эртерээк ойлонуп чечпейт белең?

- Көңүлдөрүнө карап катуу айталбай койдум, анын үстүнө баары эле менин көзүмдү карап турушат.

- Мындай адамдарды жер караткан болбойт балам, бул да болсо бактың, сендей кыздардын кимиси момундай ресторанда той өткөрдү дейсиң, жалгыз кызсың, ырыскыңды карманып кал! - Батма энелик акылын айтты.

- Макул апа, сиздин сөзүңүздү угам, сизден бөлөк эч кимим жок экенин билем…

- Жусуптучу, аны ойлогон жоксуңбу? - Батма ушул кезде кызына "атаңчы" деп суроодон чоочуп турду.

- Аа-аа, аны коюңузчу, менин бир гана атамды билем, а тигини сыйлайм.

- Мейли, өзүң бил кызым, - деп экөө сүйлөшүп жатканда арыта турган Жусуп бери басып келди:

- Кандай кызым, денсоолуктарың дуруспу? - Акбарини бооруна кыса өөп койду.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - Акбари суз гана учурашып койду.

- Кызым, бирдемеге капасыңбы, неге көңүлүң кирдеп калган?

- Жо-ок, баары жакшы, эч кандай капам жок! - Акбари калп жылмая күлүп койду.

- Мейли анда, коноктордун баары келип бүттү деп атат, апаңды киргизип күйөө бала менен тааныштыр, - Жусуп ары кетти.

- Апа, сиз ушул кишини сүйгөн белеңиз?

- Анын эмнесин сурайсың кызым, ал өткөн иш да. Андан көрө өз келечегиңди ойлон, күйөөң жакшы болсо багың ачылат, күйөөңдүн адамгерчилигин, өзүңө карамдуу болушун тиле, кудайым мага окшотуп бирди эле бербей көп бала берсин, жаның аман болсо баары болот.

- Апа, сиз атамды сүйбөй эле жашап калдыңыз беле? - Акбари кайра эле ойлуу сурады.

- Эмнеге эле болбогон суроолорду бересиң кызым, андан көрө жүрү эл менен бирге куда-кудагыйдын жанына баралы, - Батма сөз уккусу келбей ары жөнөмөк болду эле, Акбари аны колунан тартты:

- Загска чейин бир аз сүйлөшүп туралы да, чынын айтыңызчы апа, сүйүүсүз деле жашоо өтө береби? Мен атам экөөңөрдүн урушканыңарды көргөн жок элем…

- Ал мени сүйгөн кызым, мен сен үчүн жашадым, - Батма көздөрүнө жаш тегерене жер карады.

- Кечирип койчу апа, Бекмурат келип атабы?

- Ыя?! - Батманын муундары калчылдап, ого бетер жаман абалда Акбарини жаштуу көздөрү менен карады:

- Ага сенин күйөөгө чыгаарыңды айткам, ошондо бери келбей калган!

- Аа-аа, үмүтүн үзүп койгон турбайсызбы ээ апа, туура кылыпсыз! - деп Батманы бекем кучактап алып муңкана көзүнүн жашын көрсөтпөй, - Туура кылыпсыз апа, бирөөнүн элеси менен жашаганча так кесер кылып, үмүтүн үзүп… - Акбаринин үнү үзүл-кесил чыгып көзүнүн жашын төгүп алды. Ошол билгизбей кучактап турган бойдон көз жашын аарчып, улутунуп алды, анын өксүп турганын, арманы күч экенин эне сезди, кеч болуп калган эле, эненин жүрөгү жүз жеринен бычак жегендей тызылдап кайраттана өзүн кармап турду: "курган жаным, эгер Бекмурат менен бетим ачылбаганда кызымды сыздатпай алып кетип калбайт белем, аттиң арман, эми баары кеч, аргасызмын, көздү жумуп кудайдан багын тилейин" деп өзүн токтоо кармап Акбарини эки карысынан ала жүзүнө үңүлдү:

- Садагам, эселегим менин, жаңы турмуш босогосун аттаарда минтип муңканганың кантип болсун, жакшы үйбүлөдөн чыккан жигит сени бактылуу кыла албаса карап турмак белек, окуп алсаң, Фрунзеде эле болосуң, балалуу болсоң, мен силердин балаңарды баксам, - Эне да кызынын көздөрүнө тигилген бойдон көз чанагына толгон жашын жашыра албай мөлт-мөлт эте жүзү ылдый тоголонуп кетти.

- Ооба апа, мен бактылуумун, сиз кейибеңизчи, мен жөн эле… - Акбари көздөрүн жайната күлүңдөй эмелеги жүзүндөгү кайгынын изин билгизбей апасынын эки бетинен алмак-салмак өпкүлөдү, - Асылым апкем, капа болбочу, мен жөн эле сүйлөп койдум, Шарип мени аябай жакшы көрөт, бир аз эле жок болсом издеп кирет.

- Садага кетейин десе, Шарип деле жакшынакай жигит экен, жогорку билимдүү, бир аз жылдан кийин сен дагы окууңду бүтүп экөөң тең кызматта иштейсиңер, мен небере багып бактылуу таене болом.

Эне-бала буркан-шаркан түшүп, заматта түнөрүп жаап ачылган асманга окшоп, кайра бат эле жаркылдап күлүп, бири-бирин астейдил аяп, сыртынан күлгөн менен ичтеринде белгисиз күйүт экөөнү тең сыздатып турду. Ошол кезде Шарип аларды көздөй басып келип Батмага ыйбаалуу баш ийкей учурашып Акбарини карады:

- Акбари, бизди коноктор күтүп калды…

- Азыр, - Акбари апасына бурулду, - Апа жүрүңүз, тиги жакка баралы.

Шарип ушул тушта колуктусу менен апасын таңдана алмак-салмак карап коюп, бирок үн катпай алардын катарында кетип атты. Коноктордун баары орун алып, катар койулуп жасалгаланган столдо отуруп калышкан. Жусуп, Мамат аялы Сурмакан жана уул-кыздары менен, дагы бир топ сыйлуу коноктор салтанатты баштаганы катар турушту. Шариптин бирге окуган курсташтары бир тарапта бажырайган гүлдөрү менен белектерин белендеп кубанычтуу күтүшөт. Алардын арасында саналуу эле кыргыз кыз-улан болбосо, көпчүлүгү орус улутундагылар эле. Шаңдуу музыканын ыргагы басаңдап Мамат тамагын жасай:

- Жолдоштор, бүгүн менин кубанычыма тең орток болгону турасыздар, анткени менин тун уулум Шарип менен досум Жусуптун кызы Акбаринин үйлөнүү үлпөтүнө күбө болуңуздар!

- Азамат Шарип, куттуктайбыз! - Студенттер тараптан үн чыкты.

- Кана балдарым, бери келгилечи, - Мамат Шарип менен Акбариге карай колун булгады, - Мындай келгиле. Алар жанына келээри менен, - Мен уул-келиниме ылайым ырыскы, бакыт-таалай, узун өмүр, кажыбас кайрат каалайм, ошону менен бирге үйдүн ачкычын берип коюуга уруксат эткиле, бир бөлмөлүү үй силердин бактыңарга ак жолтой болсун!

- Оо, Азамат Шарип! - деген жаштардын үнү жаңырып турду. Андан кийин Жусуп сөз алып жанында турган Батманын ийнине колун коё:

- Жолдоштор, биз кыз-күйөөбүзгө белек кылып үй ичине чет элдик гарнитур менен он миң сом алып келдик!

- Азамат Шарип, Акбари! - дешип залда жаштардын үнү чуулдап жатышты. Ирээти менен куттуктап келип студенттер өз белектерин, гүлдөрүн тапшырып жатышты. Андан кийин дасторконго жапырт отуруп, тосттор көтөрүлүп үлпөт уланып жатты. Бир кезде жаштар бийлеп жатканда Акбари тартынып отуруп калды. Жанында кайынсиңдиси отурган. Бир кезде ал чыгып кетип Акбари жалгыз отурган. Ата-энелер менен коноктор башка бөлмөдө отурушкан эле. Бир орус жигит анын жанына келип:

- Мүмкүнбү сиз менен бийлегенге, жаш колукту? - деп колун бооруна ала ийилип койгондо Акбари кичипейилдик менен жылмая:

- Рахмат, бийлегенге көңүлүм жок, - деп жооп берди.

- Биринчи эле күнү сизди жалгыз отургузуп коюп күйөө бала өзү чимирик болуп бийлеп жүргөнү кандай, мен сиздин көңүлүңүздү көтөрүүгө даярмын! - деп ал көгөрө суранып туруп алды эле, ары жакта бийлеп аткан Шарип аны көрүп басып келди:

- Эмне болду сага?

- Жаш колукту жалгыз отурганынан бийге чакырсам болбой жатат, - Ал тартынбай ушуну айтканда ачуусу чукул Шарип:

- Өз жолуң менен болчу, анын жалгыз отурганында тиешең канча? - деди кыжырдана.

- Мен кыргыздан мындай сулуу кыз көргөн эмесмин, анан да күйөөсү биринчи күнү эле башкалар менен бийлеп, колуктуну жалгыз таштап койгону кызыктырып жатат, - Ал атайы кычаш сүйлөп тийишип койду, шылдыңдагандай түр менен жылмая.

- Анда сенин ишиң болбосун! - Шарип аны жакадан алып экөө алыша кетти эле, ар жакта кызуу бийлеп жаткан жаштар арачалап калышты. Акбари ордунан козголуп да койбоду. Ызаланды. "Чын эле, эмнеге биринчи эле күнү жалгыз таштап башкалар менен бийлеп кетет?! Демек мени сүйбөйт, жөн эле аял катары алып коюп өзү шапар тепкиси келген го" деп отурганда Шарип анын жанына келип:

- Жүрү бийлейбиз, - деди колдон ала.

- Көңүлүм жок.

- Эмнеге, мага күйөөгө чыкканыңа өкүнүп жатасыңбы, балким Кыргызстанда калган сүйгөнүңдү ойлоп жаткандырсың?

- Шарип, ал эмне дегениң, жөн эле көңүлүм жок, анын үстүнө силер башкача бийлейт экенсиңер, мен мындай бийлей албайм, - Акбари Шариптин айтканына ичинен жини келип турса да түшүндүрүүгө аракеттенди. Бирок ага Шарип өзүн көрсөтмөккө керсейе басып кетип чачтары саксайган орус кызды белинен имере кучактап алып экөө бийлеп кирди. Акбари үндөбөй бир аз карап туруп анан ордунан туруп коноктор отурган жакка баш бакты. Кире албады. Кайра бурулуп сыртты көздөй басты. Анын сыртты карап басып баратканын эч ким байкамак эмес, ары жактан чыгып келаткан он беш жашар кайынсиңдиси Сезим көрүп калды:

- Жеңе, сиз кайда? - Ал жүгүрүп жетип келди. Акбари артына кайрылып туруп калды, жете келген Сезим аны колтуктай эркелей кетти, - Сиз эмнеге бийлебейсиз жеңе, жүрүңүз экөөбүз бийлейбиз.

- Жок, эч нерсеге көңүлүм жок, кеч болуп калды, эми кетебиз го?

Акбари кызга сылык гана жооп берип аны менен катар столду карай басты. Аңгыча бий токтоп жаштар жапырт тамактанууга отурушту. Бул учурда Шарип орус кызды кучактай арыта бирдемелерди сүйлөшүп атышканын Акбари көз кыйыгы менен карап коюп жанындагы шатыра-шатман болуп күүлдөгөн студенттерди карап отура берди: "Эмнеге ушул күнү менин жанымда бир аз да тура албай бүгүн көргөнсүп орус кызды кучактап турат, мени басынтып жатканы го" деп ичи ачышып, уйгу-туйгу ойлордон алыстай албай жатты.

- Акбари, кел сүйлөшүп отуралы, - деди бир кыз аны карап жакындай отуруп, - Канчадан бери кыргыз кыздар менен сүйлөшпөй бук болуп кеттим, - Күлүп койду ал.

- Канчанчы курстасыңар?

- Шарип менен бир группада окуйм, өзүң кайсында окуйсуң?

- Мен эми тапшырам го?

- Шарип менен сүйлөшүп жүргөнүңөргө канча болду?

- Биз жакында эле тааныштык, ата-энелерибиз эле макулдашып коюшуптур.

- Аа-аа ошондой де. Акбари, сен мага капа болбо, Шарип абдан тартипсиз адам, атасынын кадыр-баркы менен эле окуп жүрөт, жакшы билбей туруп бекер макул болгонсуң.

- Мм… - Акбари эмне дээрин билбей калды.

- Мени кечирип кой, сендей сулуу кызды жалгыз отургузуп коюп жүргөнүн кара, силердин бүгүнкү күнүңөр кандай гана бактылуу мүнөттөр… - Ал кыз эңкейе шыбырап койду, - Лена анын жүргөн кызы.

- Өзү билсин, - Акбаринин ызадан көздөрүнө жаш толо түштү.

- Сен антпе, ушундайда жакшылап баш ийдирип албасаң ар кандай ишке барат.

Экөө шыбырашып отурганда Шарип басып келди:

- Оо кыздар, көңүлдүү отурасыңарбы, менин колуктумдун көңүлү кандай? - деп Акбарини ийинден ала эңкейип бетинен өөп койду, - Биздин кыздар абдан шайыр, - Шыпылдай жанына отурду. Лена ары жакка аралашып кетти.

- Шарип, кана колуктуң менен бактылуу болушуңду каалайбыз, ушул тостту алып коёлу? - деди бир жигит ордунан туруп колундагы бокалды көтөрүп.

- Кана анда, Шарип, Акбари үчүн!

- Үйлөнгөн эки жаш үчүн! - дешип чуулдаша баары ордуна тура алып жиберишти. Аңгыча ата-энелери менен коноктор аркы бөлмөдөн чыгып келишти. Батма кызынын жүзүнөн бактылуулукту көрө албай түпөйүл ойго алдырып турду: "Аттиң ай, кызымдын жүзүндө бир жылуулук жок, кандай болоор экен? Шарип деле жакшынакай жигит, өзүнө теңдей эле көрүнөт, кызың кургур неге жибибей атат?" деп ичи тызылдай эки көзү Акбариде болуп атты. Жусуп бакылдап кыз-күйөөгө бак-таалай каалап жалпы бата беришип ордуларынан турушту. Жаштар менен чогуу машинага отурушуп Маматтын үйүнө жөнөдү. Бир машинада Жусуп менен чогуу отуруп Батма баратты. Анын жүзүндө жакшылык үчүн толкундануу болгону менен жүрөгүндөгү санааркоо, жалгыз кызы үчүн кабатырлангандык турган. Куда-кудагыйлар дагы өздөрүнчө көңүлдөрү шат бакылдашып үйгө түшүп, кадимки салт менен уул-келинди ата-энеге жүгүндүрүп, улактын өпкөсүн чаап анан киргизишти. Улуулардын жолун жолдоп, уул-кыз өстүргөн татыктуу ата-эне болуусун тилеп ак дилдеринен бата беришип Акбарини көшөгөгө отургузушту.. Мында да Акбаринин кабагы ачылбады. Узатып келишкен беш-алты улан-кыз алар менен чогуу шарактап кайрадан шаан-шөкөт башталды. Шарип бир аз ичип алагүү эле. Чогуу жүргөн Ленаны улам ийинден ала: "Моя любимая" деп таптап коюп Акбарини карап көзүн кысып коюп атты. Ансайын Акбаринин ичи муздап Шарипти жек көрүп атты, бирок сыртынан эч нерсе билгизбегенге аракеттенип жылмайып коёт.

- Шарип, бактылуу бол, алган жарың ай чырайлуу жар болду, бири-бириңди сыйлап, өмүр бою кармашкан колуңар ажырабасын, - деди Шариптин досу Виктор, - Кана достор, Шарип, Акбари үчүн!

- Шарип, Акбари, бактылуу болгула!

- Рахмат достор, силер менен бирге болсун, айтканыңар келсин, - Шарип Акбаринин жанына өтүп отураары менен:

- Кана өбүшкүлө!

- Бактылуу болгула! - деген үндөр жаап кирди. Шарип кыздын жүзүн өзүнө бура жүзүнөн өптү эле:

- Жарабайт, оозуңардан өбүшкүлө! - деп жиберди Лена.

- Жок Лена, биз кыргыздын уул-кызыбыз, бизде андай болбойт, - Жолдубек деген жигит Ленага колун көтөрө орусчалап кайрылды, - Ооздон өбүшүү биздин салтка туура келбейт!

- Кечирип койгула, мен аны билбейт экем, ошентсе да азыр кыргыз орус бирдей эле жашап жатпайбызбы, укугубуз да бирдей.

- Туура, укугубуз бирдей, улутубуздун салтын унутта калтырууга болбойт да.

Дуулдаган жаштар көпкө отуруп анан кайтышты. Шарип аларды узатып чыгып, кечигип жатты. Түн бир оокум болуп калгандыктан Акбари көшөгөнүн ичинде башына төшөк коюп алып көпкө ойлуу жата берди: "Сүйбөсө эмнеге алат, ошол Ленасын ала бербейт беле, биринчи күнү эле минтип жатса жашообуз болбойт окшойт. Андан көрө ушундайда эле ачык айтып кете бербесемби.. Кайдан да Жусубу чыга калды, болбосо жашообуз ойдогудай өтүп жатты эле.. Апам экөөбүздүн унчукпаган жооштугубуздан пайдаланып атат, эгер өзүмдүн атам болсо менин көзүмдү карап, оюм менен болмок", деп көзүнүн жашын сызылта өкүнүчү арманга, андан ары бул жашоонун кызыгынан кечип, жашоонун өзүнөн да кечээрине алып келээрин сезбей жатканда төшөк салып уул-келинди жаткырчу жеңе кирди.

- Апей, кана Шарип, сен өзүң элесиңби? - Кирип келген келин ары карап жаткан Акбариге эңкейди, - Уктадыңбы, келинчек?

Ал унчукпады. Анда кайдагы уйку болмок, жашоо деген табышмактуу жашыл аралдын жээгинде сууга чөгүп кетээрин же аралдан өтө албай туңгуюкта жээктен көзү өтүп жумуп алды. Жеңе аны аста ийинден тарта жүзүн бери каратты, - Ай келин, Шарип кайда кеткен?

- Билбейм…

- Апей капырай, биринчи түнүңөр болсо, сени жалгыз коюп кайда кетти ал?

- …?

- Эчтеке айткан жокпу?

- Жок.

- Жаш киши кантип ушуну кылсын, жакшынакай жаш колуктуну таштап коюп… - Сүйлөнүп чыгып кетти. Шариптин апасы орусча сүйлөгөн, модалуу кийинген аял. Ал тиги келиндин айтканына көңүл бурбай:

- Пуст она придёт, - деп койду эле Мамат:

- Ал эмнеси экен, атаңдын оозун урайындын баласы, ушул бүгүн эмнеге кетет? - деп ачуулана сыртка чыкты. Батма Жусупту карап коюп ордунан тура Акбари отурган бөлмөгө баш бакты. Жүрөгү сыйрылып, ушул өзүнүн кызынын жүзүн кароого батына албай аста басып барып жанына отурду:

- Күкү, уктап жатасыңбы? - Батма анын жонунан таптай жүзүнө эңилди.

- Жок апа, уктаган жокмун, - Акбари ойдо боло калып апасын кучактай өксөп жиберди, - Апа кетеличи, кетип калалычы, ушундайда кетпесем болбойт, мени бул жерден алып кетчи?!

- Эмне деп атасың кызым, ушуга чейин эмне кылып аттың, кетип калбайт белең, же тойго макулдугуңду бербей койбойсуңбу, уяттуу кишилерди аттап кеткениң кантип болсун? - Батма Акбарини кучактап алып өзү да ыйлап жатты, - Эми болбой калды кызым, "сабырдын түбү сары алтын" дейт, өзүң жалгызсың, каргышына калып калба?

- Кантип апа, өзүң бапестеп өстүргөн гүл элем, багыңда учкан, гүлүң соолуп, кууңдун канаты кайрылып капаста турганына кайылсыңбы?

- Жо-ок каралдым, каргап коёбу деп атпайынбы. Али жашсыңар, эмеле чарк айланып кашыңда болот, кайгыра бербе кызым…

- Эмнеге Жусуп агайдын тилин алдыңыз апа, ал бизди күчкө салып атат го, мен ага баары бир өз кызындай боло албай калдым. Сиз эле, аны сүйөсүз го ээ?

- Ок, ал эмне дегениң?

- Чындыкты айттым апа, экөөлөп таап алып, кайра экөөң мени азапка салдыңарбы?

- Бала болуп кетесиң да.. Сен чоңойдуң, апаңа мындай суроо бербей жүр да? - Батма Акбаринин чачынан сылай өөп эркелетип жатып: "алда-оо курган жаным ай, неге Бекмуратты урушуп койбой жолотуп алдым, каралдымды дароо эле алып кетип калбайт белем" деп ойлонуп көзүнүн жашын бир колу менен аарчый улутунуп ийди, ошол кезде сырттан кобур-собур үндөр угулуп, - Көз жашыңды аарчы, кызым, Шарип келди окшойт, өзүңдү оңдочу, - деди кызынын башын өйдө көтөрүп өзү да жашын аарчый. Бир топ кызып калган Шарип кирип келди:

- Оо апашка, сиз да биердесизби, кечирип койуңуздарчы, мен достор менен… - деп келатып Акбаринин ыйлаган жүзүн көрүп туруп калды, - Эмне болду аяш апа, Акбари ыйладыбы?

- Балам, кыз ыйлабай күйөөгө тиймек беле, эркелеп атат, - Батма сыр билгизбей жайгара сүйлөдү.

- Аа, ошондойбу? - Шарип кийимин ары чече отурду. Батма ордунан тура чыгып кетти.

- Как дела, красавица, чоңойгуча эле энеңе эркелей бересиңби, мындан ары сен бул жерде менин жанымда болосуң, биз бактылуу болобуз, - деп Акбарини кучактай жыгылды. Акбари анын арак, вино кошулуп ачкыл жыттанганынан ирээнжип турса да аргасыз анын кучагында канаты жулунган куштай тырпырап атты. Сырттан кирип келаткан жеңесинин дабышынан улам өйдө боло берди экөө тең.

- Кана, кайда жүрөсүң ыя, бир кушту капаска камап коюп өзүң шапар тээп жүргөнүң эмнең, төшөк салып уул-келинди жаткыруу милдетимди аткарып коюп мен көрүндүк алышым керек, болгула! - деп шакылдай төшөк салууга киришти, - Маскөөдө жашасаңар эле ырым-жырымды унутуп коймок белеңер?

- Мейли жеңе, көрүндүк үчүн эле мени издеп жүрөсүзбү? - Шарип жылмая суроо берди.

- Ананчы, жеңенин милдети ошол да! - Чыгып кетти. Төшөккө Акбариден мурун чечинип жаткан Шарип:

- Акбари, сен мени сүйөсүңбү? - деп сурап калды.

- Өзүңдүн сүйгөнүң туруп өзгөнүн сүйүүсүн эмне кыласың?

- Ой сен эмне деп жатасың, сулуу кыз, ал калат, сени менен эле жашайм да? - Шарип туруп келип Акбаринин үлпүлдөгөн көйнөгүн чечип бетинен өөп, - Мен сени көргөндө эле меники болооруңду билгем, - деп кучактап аймалай кетти.

- Эмне, мени үйүңө койуп койуучу сувенир кылмаксыңбы?

- Койчу эми жаным, жаштыктын доорунда каалагандай өмүр сүрүүнү билесиңби?

- Аны сизден үйрөнөм да?

- Чынбы? - Шарип Акбарини таң калгандай карап колун тартып алды, - Эмнени үйрөнөсүң?

- Сенчилеп жаштыкты өз каалаганымдай өткөрүүнү!

- Билесиңби Акбари, кыздарга андай жарашпайт, болбойт дагы, анткени эркектерге аялдар теңеле албайт.

- Эмнеге болбойт экен, аялдар адам эмес бекен, алардын да жүрөгү, сезими бар!

- Кой сулуум, жаталы, эртең кайра эле окууга барышым керек! - Шарип жыландай ийрилип жатып алган кызды имере кучактап жатып калды.

Кыз жүрөгү тагдырына баш ийип бергенин ала көөдөк, атасынын кадыры менен доорун сүргөн к?пк?л?? жигит кайдан билмек эле. Ошентип ээн жерде эркин учкан куш аргасыз бейтааныш үйбүлөнүн катарында жашап калды. Шарип болсо күндө кызуу, түн бир оокумда келет, жанындагы периштедей болуп жаштыктын кумарлуу түнүн өкүнүч, арман менен өткөрүп жаткан келинчегин ойлоп да койбой, уйкусурап жатып: "Леночка, моя любовь только для тебя!" деп сүйлөнүп чыгат, аны уккан келиндин жүрөгү миң жеринен бычак тилгендей сайгылашып күндөн күнгө өңдөн азып баратты. Мансап, акча, дүнүйөнү гана ойлогон кайнене-кайната баласынын кылык-жоругу менен иши да жок, өздөрүнүн иштери менен алек. Сезим гана сабактан келгенде Акбаринин жанында болуп эрмектешип калат. Ал болбосо жинди болуп кетчүдөй абалга келген эле. Шарип бир күнү келип Акбариге:

- Акбари, жүрү кеттик, биздин группадагы кыргыз кыздын туулган күнүнө барабыз, ал сени сөзсүз ала келгин деди, - деп шаштырып кирди.

- Өзүң эле бара берчи, менин эч нерсеге көңүлүм жок, - Акбари кабак бүркөй ички үйгө кирип кетти.

- Барасың, алар именно сени ала кел дешти, болбосо келбей эле кала бермекмин, - Шарип артынан кирди.

- Эмнеге мени, менин силердин группаңарда кандай тиешем бар? - Акбари жини келгенин билгизбей, - Лена бар эмеспи, мен үйдөгү, ал сырттагы аялың го? - деди.

- Ой койчу, ошону унутпай эле айта бересиңби? - Шарип колун шилтеп койду, - Сени көрө электер кызыгып атышат, сенин сулуулугуңду алар суктанып сөз кылышат экен.

- Кой Шарип, менин сулуулугумдун сага кереги жок, башканын мага не кереги бар?

- Алтыным десе, мен сени жүрөгүм менен сүйөм, анча-мынча жаштык-мастык кылганымды кечирип кой, сени башкалардан аябай кызганам билсең.

- Мен эч жакка барбайм, өзүң бара бер! - Акбари ачуусу келе Шарипти караганда анын көздөрүнө ызадан жаш толо түшкөн эле, - Андай жерге мени экинчи жүр дебегин!

Ошол кезде каалганы ачып кайненеси Зоя кирди. Акбари бурула берип кайненесин көрүп уяла бир нерселерди кармаламыш болуп калды:

- Что с вами, сынок?

- Ничево мама, менин группамдагы бир кыздын туулган күнүнө барып келели десем болбойт, - деп даттана кетти. Апасынын артынан кирген Сезим сөзгө аралаша кетти:

- Мама, акем өзү күнөөлүү, жеңемди көзүнө илбей Ленасы менен бийлеп, өбүшүп жатса…

- Болду, улуулардын ишине кийлигишпей жүр, - Зоя кызын тыя сүйлөдү, - Акбари, сенин барбайм дегениң болбойт, Шарип досторунун алдында сынып калбайбы, кой барып кел кызым, - Акбариге мээримдүү жылмая карады, - Уже силер бири-бириңе жөлөк болушуңар керек, аял деген күйөөнү угуш керек!

- Ошону айтсаңыз, жанатан бери сөзүмдү укпай жатат. Көрдүңбү, менин кандай акылдуу мамам бар? - Шарип кубана апасын кучактап бетинен өөп койду, - Бол Акбари, кечигебиз.

- Азыр… - Акбари аргасыз унчукту.

- Давай уулум, жакшы барып келгиле, - Зоя чыгып кеткенден кийин Акбари кийинип, чачын түйүп атканда Шарип аны шаштырып кирди.

- Чачыңды түйбөй эле чачтарачтарга жасатабыз, давай андан көрө тезирээк чыгалы.

- Мен чачтарачка барбайм, ушул жагат!

- Макул, макул жаным, эртерээк барбасак болбойт! - деп тынчы кете шаштырды эле Акбари да шашпай жасанып болуп анан Шарип менен чыгып кетти.

Алар келгенде жаштардын баары чогулуп калышкан экен. Жанна аларды кубанычтуу тозуп алып төргө өткөрдү:

- Менин эң урматтуу коногум келди, калганыңар өзүңөр билесиңер да. Акбари сулуу биздин арабызда биринчи жолу отурат, ошону үчүн азыр биринчи тостту да ушул биздин аяшыбыз сүйлөп койсун! - Жанна орусча сүйлөдү.

- Туура, эң туура сунуш! - дешип калгандары коштоп кетти.

- Тынчтангыла, жакшы сөзүн айтсын! - Баары Акбарини карай үндөбөй туруп калышты.

- Кана Акбари сүйлөп кой, Жанна сени атайы чакырткан, калооңду айтып койбосоң болбойт, - Шарип Акбариге карады.

- Кааласаң кыргызча сүйлөй бер? - деди бири, анткени аны орус тилин билбейт деп ойлошкон эле.

- Жанна, туулган күнүң кут болсун, окууңду бүтүп, элге кереги тийген кыргыздын атактууларынан бол! - Акбари такалбай орусча сүйлөгөндө чурулдап жиберишти.

- Ой азамат десе, Шарип кандай жубай тапкансың, орусчаны катырат го? - Виктор ортодон чыга калды.

- Эмне, Фрунзеде тупойлор жашайт деп ойлодуңар беле, биз кыргыздар маданияттуу да, илим-билимдүү да калкпыз, - Жанна чын пейилинен сүйлөп, Акбарини карады, - Рахмат курбум, сен дагы бактылуу болуп, максатыңа жет!

- Ой Лена, сен эмне баштагыдай болбой сабырың суз? Шашпа, сага дагы бир жигит табылат, - деп бириси тынчый түшкөн ортого шайырдана кетти, - Андан көрө… - деп келаткан Викторду Жанна тыйып койду.

- Виктор, ашыкча сөздү бүгүн айтпай эле койчу, андан көрө бүгүн мен жөнүндө гана сүйлөгүлө!

- Туура айтат Жанна, бүгүн Жаннанын туулган күнү болгон соң сөздү ошого бургула.

- Кана анда, Жаннанын өмүрү узун болуп, келечеги кең, бактылуу таалайлуу болсун!

- Жанна, туулган күнүң менен! - Көңүлдүү отурган жаштардын байкабай калганынан улам Шарип менен Лена ымдаша чыгып кетишти. Акбари көрдү, жүрөгү канады, ызасы ичинде мелт-калт толо намысы жеңип эч нерсе сезбегендей өзү курдуу жаштардын арасында өзүн көңүлдүүдөй кармап отурду. Башкалары балким сездиби же сезбей калыштыбы, ал бүдөмүк, алар эчтемеден капарсыз күлүп отурушту. Бир топтон кийин Лена келип калды, андан кийин Шарип келди да:

- Достор, эмесе жылбайлыбы, жакшы отурдук, эртең кайрадан сабак, - деди аларды карай.

- Эми бир аз отургула, мен али силерди жөнөткөнгө даяр эмесмин, Акбари биз менен эми жакшы сүйлөшүп калганда кетебиз дегениңер болбойт! - Жанна кесе сүйлөдү.

- Ооба, ооба, биз аяш менен абдан жакындан таанышып алдык, эми ал дагы биз менен дос! - Виктор Шарипке тийише сүйлөдү, - Ушул сен аяшты сүйбөйсүң го, ыя?

- Эмне деп жатасың, жап оозуңду! - Шарип ага ордунан тура калып муштум кезеди.

- Болду, бул жерден чырдашпай тынч кеткиле, эртең декан угуп калса баарыбызды окуудан чыгарып салат, - Жанна аларды тыя сүйлөдү.

- Бир менден башкаңарды! - Шарип керсейе жылмайды.

- Сен качанкыга атаңдын терисин жамынып жүрө бересиң?

- Анда ишиңер болбосун, бас кеттик! - Шарип Акбарини колдон ала сыртты көздөй жетеледи.

Алар үйүнө келгенде түнкү үч болуп калган экен. Акбари өз бөлмөсүнө киргенден кийин Шарипти мисирейе, муз тоңуп турган көз карашы менен ата:

- Мен мындан ары чыдай албайм, кетемин! - деди.

- Эмне? - Шарип жаңылыш уктумбу дегендей делдээ аны карап кабак-кашын тырыштырды.

- Ошол, сен Ленаң менен жашай бер, мени аларга басынтканы алып бардың, көнгөн Ленаң менен бара бербейт белең?!

- Эй жинди, эркектин жумушуна киришпе! Ооба, мен сени гана сүйөм, ал эми Лена мени сүйөт, анын көңүлүн көтөрүп коюш керек да?

- Көңүлүн көтөрөсүңбү, алып аласыңбы, мындан ары колу-жолуң ачык, менин жолумду тоспойсуң - мен качып эмес, ачык эле кетем!

- Эч жакка кетпейсиң!

- Кетем, сени менен жашаган эки ай мен үчүн азап гана болду, билсең?

- Кызыксың го сен, баары бар, курсак ток, кийимиң бүтүн, мына мындай үйдө жашайсың, үйдөгүлөр көзүңдү карап турат, деги сага эмне керек?

- Магабы?! Мага сүйүү керек, мени сүйбөгөн адам менен жашай албайм!

- Болду жетишет, жөн койсо менин башымды айлантып алгысы бар, мен эмитен аялдын көзүн карабайм!

Акбари үндөбөй калды, демек Шарип сүйүп эмес, сулуу аялдуу болгусу келгени белгилүү болду, мунун баарын Акбари түшүндү да ичтен муңкана ийнин солкулдата ыйлап жатты: "Уктап жатканда качып чыгам" деген ойдо бүк түшө жатып калды. Шарип өзүнчө корстон боло: "кайда бармак эле көнбөгөндө, акыры баш ийет да, мамам айткандай бирди төрөп алса өзү эле жармашып жашап калат. Аял дегенди катуу кармап, эркелетпеш керек" деп ойлонду да:

- Тур төшөк сал! - деди орой. Чынында диванда жатышчу, бирок аны атайы тургузмакка ошентти.

- Салынуу даяр турбайбы, жата бер! - Акбари да ага бурк этип койду эле, баятан бери өз кылыгына эрдемсип жаткан Шарип ачуулана аны колунан тартып тургузду да эки колдон сүйрөй диванга алып барып түртүп жиберди:

- Эмне көгөрөсүң, үрдүн кызы болсоң да, сулуулугуңа көтөрүлбөй тынч жашабайсыңбы? Сени эч ким кыстаган эмес, тийбей койсоң да болмок! - Акбари дале үн дебеди. Анын жүрөгүндө муз тоңуп, бороон улуп, борошо уруп алай-дүлөй болуп жатты, бирок ал эми ыйлабады, тек көзүн жумуп мисирейип жата берди. Шарип жанына жатты да, ар кайсыны айтып жан кашайтып кобурай берди, анын сөзүн укпагандай мелтейип жаткан Акбари өзүнө каратты эле:

- Жөн жатчы! - деп жиберди ал.

- Эмнеге жөн жатам, жанында аялы жатса мышык да жөн жатпас!

- Мен сага мышык көрүнүп жатамбы? - Көздөрүн чо-оң ачып башын көтөрүп калган Акбарини кайра түртүп ийди.

- Сага окшогон аял алгыча мышык алып алсам болмок!

- …?

- Каадаланган неме экенсиң, кетсең кете бер, эми сенин кимге керегиң бар? Эрден чыгып келген катынды көк мээ эркек эле карабаса, - деди да ары карап жатып алды. Экөө эки жакты караган бойдон үнсүз уйкуга кетишти.

Таң эрте Шарип сабагына кетти. Акбари да ойгонуп кийинип чыкса эч ким жок экен, кайненесинин акча салган кассасын алды да жолуна керектүү акча алып алакандай баракка болгонун жазып келип алган акчасы үчүн кайра-кайра кечирим сурап, анан жолго чыкты. Жолгата анын оюнун баары Бекмуратта болуп атты: "Ал эми карабайт го, эмнеге өз башыма ээ боло албай бул жакка ээрчип келдим? Деги менин акылым жайындабы, эми ошол мага атамдай болуп бермек беле, Бекмуратты да жоготуп алдым, мейли апам менен тынч эле жашай берейинчи. Баса, "күйөөдөн чыгып келди" деген жаманатты сөздөн апам да чүнчүп кейийт чыгаар, эне эмеспи, кечирет, мени түшүнөт" деп кетип атып Фрунзеге жетип калганын да байкабаптыр. Аэропорттон автобус менен келе жатып классташына жолугуп калды, ал көргөн жерден эле:

- Ой Акбари кандайсың ыя, тим эле жаңы ачылган розадай болуп кеткенсиң го! Сени көргөн жигиттердин өрттөнүп кетпей жүргөнүн кара, канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө? - деп Тимур аны бетинен өбө учурашып шаардын ортосуна келгенде аны болбой түшүрүп калды да, - Экөөбүздүн жолугушканыбызды белгилеп чайлашпасак болбойт, - деп столовойго алып кирди.

- Кой Тимур, жөн эле койчу, мени укчу, - дегенине болбоду.

- Билесиңби, мен сени окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн, силер бул жакка баса берип таппай калбадымбы?

- Тимур, мен турмушка чыгып кеткем, кокус тааныштар көрсө уят го, күйөөм да кызганчаак, - Акбари андан эптеп кутулуунун аргасы кыла чындыгын айтты.

- Койчу, качан чыктың, каякка? - Тимур ишенээр-ишенбесин билбей бир азга андан көзүн албай туруп калды.

- Ушул эле жерде, Тимур, сен мага капа болбочу ээ, андан көрө мен кетейин, - деди Акбари. Жыландай боору менен сойлогон аты кулакка жагымсыз өлүм аны күтүп турганын сезбей, үйүнө ашыкты. Тимур аны көпкө тигиле карап туруп, шашкалактаган келинди узатып кала берди…

***

Батма Акбаринин тоюна барып келгенден кийин жүрөгү түпөйүл тартып, санаасы санга бөлүнүп жарытылуу иш кыла албай же тамак иче албай, жигитинен көңүлү калып өмүрдөн кечүүгө даяр турган жаш секелектей жаткан ордунан турбай бирде ыйлап, бирде сооронуп, көңүлү ачылбай көздөрү киртийип жүдөгөндөй болду. Жусуп болсо эки күндүн биринде келет да, өзүнүн оюнда бактылуу кылып койдум дегендей кымбат баалуу алтын жасалгалардан белек алып келип берип кетет. Ал Батманын ичинде кандай азап-тозок жатканын сезбейт дагы.

- Жусуп, - деди Батма бир күнү анын койнунда жатып, - Күкүнү бактылуу болуп калды деп ойлойсуңбу?

- Оой Батиш, конечно ал бактылуу, мен аны абдан табыштаганмын, мына жакында окууга да тапшырат, окуусун бүтсө илимпоз болот, ага өзүм жардам берем, менин тушумда каалашыңарча жыргайсыңар, - Жусуп адатынча карсылдап күлүп койду.

- Кайда-ан, - Батма үшкүрүп алды, - Эки-үч күндөн бери түшүм жаман, өткөндө ыйлап "алып кет!" деп атып зорго калды…

- Эмнеге?

- Шарип экөө жакшы эмес окшойт?

- Койчу?

- Койбой эле, сүйүү болбосо жашооңун кызыга да жок эмеспи, зордук менен экөөнү кошуп койдуңар окшойт?

- Эч кандай зордоо болгон жок, мен Шариптин өз оюн уккамын, андан көрө Акбари өзү сүйбөй аткандыр?

- Ким билет, биз өз оокатыбыз жайынча өткөрүп атканда сен кайдан да пайда болдуң экен, бизди жайыбызга эле койсоң болмок?

- Сен мага нааразысыңбы?

- Ал эбак өткөн, жалгызым өз эрки менен кеткен жок?

- Антип жаман ойлобо, эч нерседен кем болбойт, азыр ким эле баласын үйлөнткөндө үй-жай берип атат? Үй эмес бир төшөк бералбаган кыргыз бар!

- Тобо-оо, эркектер да ушундай болосуңарбы, - ойлуу Жусупту телмире карады Батма, - Билсең өлүү дүйнөнүн кимге кызыгы бар, ишенсең мен өмүрү дүнүйө мүлктү биринчи катарга койбодум, жашооң өпчап болуп турса да көңүлүңдү көтөргөн адамың жаныңда турса, үйбүлөдө тынчтык болсо андан өткөн бакыт да, байлык да жок!

- Ал бир айтылган сөз да, байлыкты, мансапты ким жаман көрсүн?

- Үлбүрөгөн кымбат баалуу кийимдин, жасалгалуу, музейге окшогон үйдүн, заңкайган киши баш бага алгыс короонун ичинде эмне деген гана азап, арман бугуп жатканын сезбеген киши муну сезмек эмес, - кой эми жумушуңа жөнө, мен да өз ишимди жасайын, - Батма анын биротоло байлык менен мансап ээлеп алган жандүйнөсүн козгой албасын түшүнө ашканасын көздөй басты. Негедир эки күндөн бери түшү да жаман эле.

- Мен кеттим Батиш, дүйнөнү былк эттирбей кармайм деген эрдин да аял алдында мажирөө болуп калаарын жашым өткөндө түшүнүп отурам, сен мага биротоло муздап калган турбайсыңбы, сени сүйгөнүм үчүн гана күнөөлүүмүн, а Акбари кызым үчүн эч кабатыр болбо? - деген Жусуп үйдөн чыгып кетти. Аны узата караган Батиш: "Бечара пенденин бечаралыгы жансыз дүнүйөгө азгырылганда гана билинет тура, болбосо адамдын баары бирдей" деген ойдо телмирип турганда эшик кайрадан ачылды. Эшикти бекиткен эмес экен: "Кайра эмне келди, деги менин шорумбу же бактымбы мунун жашоомдо пайда болушу?!" деп карай салса Бекмурат турат босогодо:

- Кандайсыңар, качан келдиңер? - Бекмурат мурдакыдай эле жылма келип учурашкан менен бул жолу "апа" деп кайрылган жок.

- Көп эле болду, - Батма аны сүйүңкүрөбөй ары көздөй басты: "чунак бала, мени да азгыра турган болду, эми эмне кылсам экен, жолотпой кууп жиберсемби" деп ойлогуча Бекмурат анын артынан жаш кыздардай кучактап алып:

- Сагынып кеттим, - деп кулагына шыбырай кетти.

- Бекмурат садага, сен азыр кетип калчы, азыр үйгө конок келмек эле, - деди башын жерге сала.

- Кантип, сагынычым жазылбай кантип кетем? - Ал аны жерден так көтөрө калып өткөндөгүдөй эле диванга алып барды, - Күкү кандай деги, бактылуубу?

- Баары жайында…

- Ошонусу жакшы, мен андан ажырадым, бирок жаратканга ыраазымын, сизди мага жолуктурган, мен эми үйлөнгөн күндө да келип турам, чаңкасам суусунум канаар, чаалыксам эс алдыраар, ысып кетсем салкын аба жуткураар сизсиз!

- Кой дейм Бекмурат? - Батма анын алдында алсыз чымчыктай тырпырап атып ушинтти. Бекмурат кирген бойдон эшик да илинбей калган, аны экөө тең сезген жок. Бекмурат Батманы арыдан бери чечиндире салып экөө махабаттын жыргалын татып, бирде тоого чыга албай күйүккөн чабандай, бирде көл жээгине чыгып калып тамчы сууга зар болуп бакалоору балкылдаган балыктай акактап жатышты. Батма жалынууга өттү:

- Садагам ай, кайдан да келе калдың эле, жанымды жыргаттың го?!

- Сиз дагы мени өлтүрүп кайра тирилттиңиз го, ушунчалык таттуу, наздуу, кылыктуу экенсиз, - Жаны калбай Бекмурат өпкүлөп жатты.

- Садагам ай, жашарттың мени! Мен өзүмдү унутуп койгон экенмин, аял экенимди, мен да адам экенимди эсиме салдың! Өпчү! Дагы, ыйкачы дагы! Дагы-ыы…

Ушул учурда апасына жетип арыз арманын, ичтеги бугун ала жаздагы мөндүрдөй төгүп, өкүнүчүн, дартын бөлүшкүсү келип кирип келген Акбари босогодогу эркектин бут кийимин көрө аста басып үн чыккан бөлмөнү көздөй баратты. Адатынча босогону аттары менен эле "Апа-аа" деп кирип келгиче анын үнү сыртка чыкпай ичтен кайталанды. Босогого жетип келип апасынын кыңкыстаган үнүн укту:

- Дагы-ыы, берекем! Өлсөм арманым жок! Жыргаттың! Дагы-ыы!!!…

- Алтыным! Өлүп баратам, өх! - Бул үндү угаар замат Акбаринин өңү өзгөрүлө түштү: "Бекмуратпы?! Кызык, апам ушуну менен… мен Жусуп окшойт деп атса" деп артына кетенчиктей берди: "Болду, баары бүттү, менин бул жашоодо самаганым, күткөнүм, сагынганым да жок, жашагым да келбейт, оо жараткан, таалайым ушундай тайкы беле?!" деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип шырп алдырбай куурчактарын кармалай: "кошкула менин алтындарым, мен бул дүйнөгө ашыкча келип алыптырмын, жаңылыш жаралыптырмын, мен кеттим буладай аппак булуттар арасына, мен кеттим асмандагы сансыз жылдыздарга!" деди да ашканага кирип идиш аяктар коюлчу шкафты ачып анда турган жарым бөтөлкөдөй уксусту алды да көзүн жумуп туруп чалкалай оозуна куюп жиберди. Анан оозун басып теңселе бөлмөсүнө эптеп жетип, диванга көмкөрөсүнөн жыгылды… Чабалактады, тыбырады, жанында башын жөлөөр бир адам болбоду: "кана, бассам-турсам карааныма кагылып турчу апам, кана мени телмире карап бир ооз сөзүмдү күтүп жүгүрүп жүрчү адам?! Бул дүйнөдө тазалык жок тура, мен аруулукту издеп кетип атам, кош жарык дүйнө.." деп көздөрү муздак болуп мелтиреген бойдон ачык калды. Аттиң десең, "жан чыгаарда жан күйөөрүң жаныңда болсун" деп ушуну айтса керек ата-бабалардын акылманы.

Бекмурат менен Батма көпкө барып кучакташа жатып калышты. Экөө эки башка адам, эки башка дүйнө эле булар, көпкө жатып анан Батма:

- Эми бирдеме ичип алып үйүңө баргын, үйгө адамдар келет, - Ал Бекмуратты эптеп кетиргиси келип турду. Жүрөгү жөндөн жөн эле болк этип алды: "кудай ай, эмне болуп атам, же жүрөк ооруга кабылып калдымбы? Эмнеси болсо да жалгызым аман болсо экен" деп ойлоп алып ордунан турмак болгондо Бекмурат тургузбай кармай калды:

- Бир аз жатчы, эми качан жолугабыз?

- Ким билет Бекмурат, сенин келбей эле койгонуң жакшы эле, качандыр бир кезде билинип калса ушул жашымда шерменде болуп калбайын.

- Андай болбойт, ошондой болуп баратса мен сага үйлөнөм! - деди Бекмурат шар эле.

- Эмне дейсиң? - Батма делдээ жанында өзүн бекем белинен кучактап жаткан алп, чымыр денелүү жигитти ишенбегендей карап туруп калды. - Эмне деп турасың садагам ай, жашоодо ишке ашпай турган нерсени оозанбай.. Туруп бирдеме ич дагы, жөнө!

- Жок, жок, мен сизди сүйүп баратам, ойлосом үйдө да токтоно албай бул жакка жөнөгүм келет, - Бекмурат аны кең кучагына бекем кыса аймалай кетти, - Менин кардым ачып турса да сизди көргөндө тоюп калам, жүрөгүм ооруп турса басыла түшөт.

- Баланын сөзүн сүйлөбөй бол! - деп обдула бергенде телефон чыр этти. Экөө тең шашыла туруп кийинип Батма телефонду алды:

- Батиш, бул сенсиңби?

- Ооба, угуп атам.

- Акбари келген жокпу?

- Каякка?

- Үйгө, сага келбедиби?

- Жок, эмне келмек бекен?

- Кечээ айтпай баса бериптир, келсе урушпай себебин сура, тигилер келип алып кетебиз деп жатат.

- Эмнеге айтпай чыгат, ай кудай ай! - деп Батма чебелектеп жиберди.

- Өзүм барам, анан сүйлөшөбүз, - Жусуп телефонду коюп койду.

- Алда кудай ай! - чыйпылыктаган Батманын жанына келген Бекмурат:

- Эмне болду? - деди.

- Күкү кечээ айтпай үйүнөн чыгып кетиптир, бул жакка келдиби деп сурашты.

- Эмнеге чыгат? - Бекмураттын каштары жыйрыла түштү.

- Кайдан билем, эмнеси болсо да аман-эсен болсо экен.

- Коркпо, аман-эсен келип калар. Кой анда мен кетейин, кокус келип калса бетим чыдабайт го жүзүн карашка.

- Ооба…ооба, мен акылсыз… - Батма ошол учурда эмнени ойлогону белгисиз, чар жайыт чачылган ойлоруна ээ боло албай Акбаринин бөлмөсүн көздөй басып баратып жүрөгү дагы болк этип алып, бөлмөнүн астанасын аттап-аттабай "Аа-аа" деп чаңырып жиберди.

Босогодон жаңы эле сыртты көздөй чыгып бараткан Бекмурат атылып кирип келди. Батма Акбаринин үстүнө жыгылып эси ооп калган экен. Бекмурат аны жылдырып, Акбаринин көмкөрөсүнөн жатканын көрүп аста гана ийинден тартса сенек болгондой катуу, анан оор сезилип кетти. Дароо эсине келе оодарып жиберди эле жүзү кубара, көздөрү чакчайган бойдон ачылып калган экен, чоочуп кетти. Батма кыймылсыз жатты. Көзүн жапмак болду эле таштай муздак дене бүткөн боюн дүр эттирип жиберди: "Эми мени күнөөлөшөт, андан көрө милицияга чалып койойун дагы жоголойун" деп мууну калчылдап экөөнү көз ирмемге карап туруп калганда Батма кыймылга келип көзүн ачып Бекмуратты көрдү да, ыргып турду:

- Мына, мени өмүрүм ушуну менен бүттү! Кызым экөөбүздү көрүп, анан ушуга барган тура! - деп Акбаринин бетин сыйпалап, уйпаланган чачтарын сылай, - Жалгызым ай, жаныңа эмне күч келди?! Мендей акылсыз энеңди кечир каралдым! Жок-жок, мен дагы сенден калбайм, ала кет чырагым, сенсиз көргөн күнүм курусун! - деп көзүнүн жашы мончоктой кызынын башын кучактап отуруп калды. Бекмурат телефонду көздөй басканда аны Батма токтотту:

- Сен телефондун жанындагы блокнотто Жусуптун телефонуна чалып кой да, кете бер!

- Макул, - Бекмурат ал жерде туралмак эмес, анын да жандүйнөсү сыздап эмне кылаар айласын таппай турган эле…

Батма боздоп ыйлап отуруп жашы түгөнгөндөй томсоруп кызынын башын кучактап жансыз денесин бир колу менен кармалап мупмуздак денеден кенедей чоочуп койбой бир нерсе эсине келгендей жансыз денени аяр диванга жаткырып, башына жаздык койду да, ашканасына барып уксусту издеди. Тамак ичкен столдун үстүндө турган бош бөтөлкөнү кийин көрдү: "Шашпа кызым, сени жарык дүйнөгө алып келген мен элем, эми сенин өлүмүңө мен себепкермин, жашап, тирүү жүрүп, сенин азабыңды тарткыча, сени менен кошо эле кеткеним дурус" деп аш бычакты алды да Акбари жаткан бөлмөгө кирип кызын бекем кучактап бети-башынан өөп:

- Садагам, сени караңгы жерге жалгыз жаткырбай калайын, Ашым сени күтпөйт, анткени ал жарык, жалган дүйнөдө сени өз баласындай көргөн менен чын дүйнөдө кабыл албайт, жалгыз каласың каралдым. Эмнеге шаштың экен, тажадыңбы ушул жалганы көп, чындыгы жок калыссыз дүйнөдөн? - Чачтары жазылып, көздөрү ыйдан шишип, көзүнөн ылдый аккан жаштын издери даана байкалып, колдору калчылдай бычакты колуна ала өйдө көтөрүп жүрөк тушун мээлеп эми ураарда топураган дабыш менен кирип келген Жусуп анын колун кармай калды.

- Эмне болуп кетти, жаныңды кыйнаган не, кызга эмне болду? - Уктап жаткандай болгон Акбаринин жүзүнө эңкейе бетинен сылай чоочуп кетти, - Батма-аа!

Үнсүз делдейген Батма көзүнөн аккан жашы эки бетин жууп жатканына көңүл бурбай тиктеп тура берди.

- Оо кагылайын кызым, сага эмне болду?! - башын мыкчып тегеренип кетти, - Эмне болуп кетти? Жанындагы үч-төртөө Жусупту жубатмакка аны эки жагынан колтуктай столго отургузуп:

- Кайрат кылыңыз Жусуп Кадырович, кайрат кылыңыз, андан көрө өлүк камын көрүү керек!

- Өлүк?! - Батма селт этип алды, - өлүк дейсиңерби, ал эмне деген өлүк? - Батма ар кимисин жалдырай карады.

- Батиш! - Жусуп тура калып Батманы кучактай солкулдап ыйлап атты, - Акбариден айрылдык!

- Ажырап? Эмнеге ажырайбыз, тур бул жакка, Күкүм менин чарчап келгенге уктап жатпайбы? - Акбарини жулкулдата баштады, - Тура кой кызым, тур батыраак, экөөбүз бул жерден кетебиз, бол эрте кетип калалы?

- Эже, кайрат кылыңыз, кыйнабаңыз! - деп бирөө аны колтуктап бери тартканда Батма жинди болгон немедей эки колун суна бакырып барып өзүн жоготуп койду. Жусуп жигиттердин бирин бир жакка жумшады. Эки-үч сааттан кийин бир топ адамдар, врачтар жетип келди. Батма өзүнө келе албай улам өзүн билбей атты. Үч күн өтүп, Акбарини жерге бергенден кийин Батма өзүнө келе албай көзүн ачса эле … "Күкү, кайда жүрөсүң, токто мен сага баратам, токто-оо!!!" деп бакырып-жулунуп ордунан тура калып жатты. Туура он күн дегенде ошол калыбында жатып мемиреп уйкуга кирген. Сакчы сестра анын жанында отурган эле. Ал чыгып кетээри менен Батма кошо жулунганда тамырына сайылган ийне чыгып кетти. Акыры кроваттан кулап түшүп башы жерге катуу тийип дагы эсин жоготуп жатып калды. Көптөн бери жаткан аялдын абалы өтө оор болуп андан кийин үч күн жатты да кете берди. Жүрөгү кайгыны көтөрө албады…

***

Бекмурат өз кылыгына жини келип өлмөк болуп өлө албай иче баштады. Ичип жүрүп баягы Акбаринин үйүнө барса үйү ачык экен, бир кыз чыкты.

- Сизге ким керек? - деди оозу-башын боёнгон кыз кашын жыйра.

- Мага бул үйдүн ээлери керек эле.

- Алар жок, энеси менен кызы экөө тең өлгөн! - деди ал жактырбагандай. Башына байкоосуздан балта тийгендей дел боло түштү. Көзү караңгылап, кулагы туна: "баарына мен гана күнөөлүүмүн" деп бир топко туруп калды.

Эркек болсо да өз кылган каталыгына өзүн жектей кеткенге камынып артына бурула берип сырткы босогодо бир топ кийим-кече менен кошо альбомдун жерде жатканын, андагы сүрөттөр чачылып, Акбаринин ата-энеси үчөө түшкөн портрети айнеги сынып калганын көрүп эңкейип ала койду. Алардын арасында Батма кийип жүрчү костюмдун чөнтөгүндөгү кагаздар кылтайып көрүнүп турганын көрдү да кагаздарды алып окуп кирди. Ал баягы Жусуптун Батмага жазган каты экен. Окуп атып: "Көрсө ушундай экен да, акыры түбүнө жетти" деп кадамын ылдамдата подъездден чыгып кетти..

***

Токтокан Алиймага булардын баарын айтып отуруп өзү да ыйлап алды:

- Сүрөтүн көрсөм чындап эле мага окшош экен, агай ошол бойдон үйлөнгөн эмес тура, анан мени жактырып өзүнө аялдыкка алгысы келет. Кызык, мен аны сүйбөсөм эле кантип тийем?

- Ошон үчүн ой максатыңдын баарын кечип таштадыңбы?

- Анан эмне кылышым керек? Ал мени кайда барсам да артымдан сая түшүп алды. Азыр ырдап чыгыш өтө кыйын - тааныш, акча болуш керек, мен аны кайдан табам? Күйөөгө да тийбей калдым.

- Жаман болуптур, эми соода менен эле алектенип жаткан турбайсыңбы?

- Ооба, ал киши болсо жакында өтүп кетти. Эми гана бекер кылыпмын деп өкүнүп атам, ал мени ошол убакта көтөрмөлөмөк, балким балалуу да болуп калсам жашай бермекмин.

- Адам деген ошобуз да, баары өтүп кеткенден кийин гана өкүнүп калабыз.

"Ойнош оттон ысык, кала берсе боктон сасык" дегендей турмушта ойноштук кылып өз турмуштарын бузуп алган үйбүлөлөр жок эмес. Жашоо татаал тетиктерден турат, бир жерин туура эмес бурап алсаң кичинекей мамлекетиңди уратып аласың. Жалган дүйнөнүн жарык шооласы канчалык кымбат, табийгат кооз, тирүүлүктүн шары адам баласын жашоого гана үндөп тургандай. Ал эми өлүм деген сөз угулса жүрөк солк эте, бүткөн бой дүр деп жаман абалга туш болосуң. Андыктан үйбүлөлүк актыкты, тазалыкты туу тутуп жашоого не жетсин.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз