Айгүл ШАРШЕН


"Өкүндүргөн жаңылыштык"


Советбектин айылдан кеткенин туугандары эле эмес, коңшу-колоңдору баары билишкен. Жаңы төрөлгөн баласы менен аялы аны аргасыз узатты. Анткени Советбектин ата-энеси заман жаңыдан өзгөрүлүп, эл жапырт соода деген шарга кирип жаткан кезде биринин артынан бири кете берген. Аталаш агасы Кубатбек өз баласындай асырап өстүрүп ата-энесинен калган заңгыраган үйгө үйлөнтүп киргизип койгон. Мадалбек малдуу-алдуу жашачу, Шайыркүлдүн атасы жок, апасы бар, төрт бир туугандын кичүүсү. Советбек экөө сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн, анан эле кайдан-жайдан шаарга барып иштеп келем деп аялы менен баласын таштап жөнөп кетти. Борборго келгенде жумуш табуу кыйынга турду, ары кетип берип кетип, айласы кеткенде кайра эле айылга кетмек болуп автовокзалга келе жатса айылдашы Каныбек жолугуп калды:

- Ой кайдан жүрөсүң?

- Өзүң кайдан? - Экөө бири-бирине суроо узата күлүп калышты.

- Мен иштейин деп келгемин, жумуш табуу өтө кыйын экен, кайра кетип жатам, - деди Советбек ага сырын төгө, - Аялым жаш бала менен калды эле.

- Ушунча келип кайра кеткениң болбойт, мен сага жумуш таап берем, жүрү үйгө.

- Анда жакшы болот го, иш таппай келдим деп баруудан өзүм дагы уялып жаттым эле, - Советбек жым дей айылдашын ээрчип жөнөдү.

- Мен өзүм стройкада иштейм, экөөбүз чогуу иштейбиз жеңең жакшы киши, - деп Каныбек бакылдап үйүнө ээрчитип келди, - Гүлсүн, үйгө конок келди.

- Жакшы-жакшы, келгиле, - деп Гүлсүн жайдары кабак менен тосуп алды.

- Тамагың даярбы, кардым ачты, кечке тынбай бетон ташыйм да колдор түшүп калды, - деп Каныбек Советбекти төргө өткөрүп, өзү жанына отурду, - Бу жигит менин айылдашым, аты Советбек, иш издеп келиптир, өзүм менен бирге иште деп жатам.

- Жакшы кылыпсың, жумуш болсо иштегени жакшы эмей, үйлөнгөнсүңбү?

- Ооба, бир уулум бар.

- Ата-энең…

- Гүлсүн, аны муну кой да бизге тамак бер, анан сүйлөшөбүз, - деп Каныбек аялын сүйлөтпөдү, ал андан ата-энесин сурамак болгон эле.

- Ма-акул, - Гүлсүн дасторконун жая тамак-ашын алып келип койду, эки бөлмө үйдү бир жыл мурун алышкан, чоң үйүн салууга жетишпей, улам бир баласын окутуп, мектепке төлөп, кийим-кечеден чыкпай келе жатат.

- Ушу иним, үйдү былтыр эптеп алдым, балдар жаш, мектепке барышат, жеңең базарда иштейт, - деп Каныбек колун жая сүйлөдү.

- Аманчылык болсо бүтөт да байке, өз үйүңөр болгону жакшы эмеспи, батирден көрө.

- Батирде дагы туруп көрдүк, - деди Каныбек, алар тамактанып бүткөн соң Советбек жатып калды, Каныбек аялы экөө калганда, - Сен байкап сүйлө, Советбектин ата-энеси жашында эле өлүп калган, аны Кубатбек байкени билесиңби, ошол багып чоңойтуп аял алып берип бөлүп коюптур.

- Ай-ий бечара, жаман болгон экен, - деп Гүлсүн шыпшынып койду.

- Атасы колунда бар болчу да, Кубатбек байке ошол үчүн бакты да, эми шаарга иштегени келгенин карабайсыңбы, ата-энеси болгондо бул шишкар болуп жашамак, энчи бербесе керек, - деп Каныбек дагы көп сөздөрдү айтты. Советбек мунун баарын укту, бирок ал Кубатбек атасына эчтеке дей алмак эмес, анткени жетимдей кылбай өстүргөнүнө өзү ыраазы болчу.

Эртеси экөө курулушка келишти, таң эртеден баштап кечке үч кабаттуу имаратты курууга киришишет, он чакты адам иштейт. Каныбек кирпич койгонду билбегендиктен бетон ташычу, Советбек бала кезден ар нерсеге шыктуу болуп өстү, Кубатбектин үйүндө курулушка ылайыктуунун баары бар эле, сварканы кармап көп иш жасай турган. Ошонун пайдасы эми тийип дароо эле сварщик болуп калды. Каныбек ага чынында боору ооруп ишке киргизди, бирок сварщиктин айлыгы андан көп болгонуна, Советбектин ар кандай иш колунан келгенине ичи тарый баштады. Эки айлыгын алып аялына жөнөтүп бирөөдөн аны чакыртып батирге чыкмак оюн айтты Каныбекке.

- Бала менен Шайыр кыйналып калгандыр, жалгыз өзүнө кыйын, кыш келгенче алдырып алайын деп жатам, кандай дейсиз Каныбек байке?

- Быйыл тим койсоң болмок, бутка туруп алып деле чакыртканың туура болот, - деп Каныбек түз айта албай сөзүн буйтады, анткени үч айдан бери ал тамак-ашка деп бир топ акча берип жаткан, анын акчасын тамакка жумшап өзүнүкү сакталып калып жаткандыктан кыйылып турду.

- Балам дагы жаш, кайненем деле ар дайым аны карап отурбайт да, өзүм жетим болсом, баламды өзүм чоңойтушум керек.

- Өзүң бил, - деди Каныбек. Ошондон он чакты күн өтпөй эле Гүлсүндүн сиңдиси келип калды, ал мектепти жаңы бүтүп окууга тапшырган, эми окуу башталаарда келип, эжесинин үйүндө жүрүп окумак. Жүрсүн өтө жаш, бирок бир караган эркектин жүрөгүн болк эттирген көздөрү карагаттай, жүзү аппак, кашы чыккан айдай кыйгач, өзүнчө эле перинин түспөлүндөй чачы узун кыз. Гүлсүн менен Жүрсүн эки эле кыз, ата-энеси эркек уулубуз жок дебей экөөнү көздүн карегиндей кылып өстүргөн. Жүрсүн келгенден эле Советбекти жалт карап алып ошондон баштап ага ыктай баштаган, Советбек дагы бою узун ак жуумал, мурду кырдач жигит, кыз-келиндер менин эрим болсо дегидей эле бар, бирок Жүрсүн экөөнүн ортосу он эки жаш. Советбек ага көңүл деле бурбай өз иши менен алек, кийим-кечесин чечип коюп түнкүсүн өзү жууп жайып койчу, кээде Гүлсүн көрүп калса жууп кое турган. Бир күнү курулуш материалдары кемип калып жумуш токтоп үйдө болуп калды, Гүлсүн базарда болчу. Советбек баняга барып келип кир жуумак болуп жаткан, сабактан жаңы келген Жүрсүн.

- Кириңизди мага бериңиз, жууп коеюн, - деп калды.

- Жо-жок, өзүм эле жууйм.

- Бере бериңиз байке, мен эле жууп коем, - деп колунан кир кийимдерин ала койду да ары басып кетти.

- Уят го… - деген Советбек ыңгайсыздана туруп калды.

Жүрсүн кирлерине кошуп жууп жайып койду. Максат менен Тилек сабактан келип калган. Үмүт менен Кыялы түштөн кийин окуйт. Түштөнгөндөн кийин Каныбек бир иштери менен кетип, балдары ойногону кеткен.

- Советбек байке, үйлөнгөнсүзбү? - Жүрсүн капысынан суроо узатты.

- Ооба, бир уулум бар.

- Сүйлөшүп үйлөнгөнсүзбү?

- Ооба, сүйлөшүп анан баш кошконбуз.

- Аа-а, - Жүрсүн ойлуу отуруп калды.

- Эмнеге сурадың Жүрсүн?

- Жөн, жайынча эле…

- Мейли анда, мен бир жерге барып келейин, - деп Советбек туруп сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон араларында сөз деле болбой калган, Жүрсүн кабагын салып көңүлү жоктой жүргөндө:

- Жүрсүн, сенин бир жериң ооруп жүрөбү? - деди Гүлсүн бир күнү.


- Жо-ок, сопсоомун эже.

- Кабагыңдан бирдеме көрүнүп турат.

- Ай эжекем ай-ай, жап-жакшынакай элемин, - деп Жүрсүн жароокерлене эжесин кучактап өөп койду.

- Сени капа кылып алып атамдарга эмне деп жооп берем, өзүң билесиң, алар сен ооруп калсаң жаман болушат, - деп Гүлсүн сиңдисин эркелете карап күлүп калды.

- Эч кандай оорум жок, сопсоомун.

- Ошондой эле болсун, окуудан кыйналып жүргөн жоксуңбу деги?

- Жок, баары жакшы.

- Мейли, кел жардамдаша кал, мантыны түйүп жиберели, - деп айтканда ал жанына келип жардамдаша кетти. Кечинде дасторкон четинде толуп отуруп тамактанышты. Мантыдан ала коймок болуп колун сунган Советбек Жүрсүндүн өзүн карап турганын көрө коюп көзүн тартып алды, бүткөн боюн ток ургандай дирт этип алды: "Бул кыз мени эмнеге мынча карап отурат, тамак жегенимдиби", - деп жүрөгүнө андан башка баспай дагы калды. Андан кийин дагы өзүн тикирээ караган оттуу көздөрдөн өзүн ала качып ал отурган тарапты карагандан жалкып андан көзүн жалт-жалт тартып алат. Күз өтүп кыштын алгачкы күндөрү өз чыйырын салып, сампарлаган кыламык жаап жаткан. Жүрсүн жолдо үйгө кетчү унаа токтоочу жайды көздөй басып келе жаткан эле:

- Сулуу кыз, токтой турчу! - деген үн чыкты артынан, бурула берип чоочун жигитти көрдү, ал колуна дептер кармап алыптыр, - Бул сиздики эмеспи?

- Жо-ок, - Кыз жигитти таңыркай карап кайра жолуна түшмөк болгондо:

- Сулуу кыз, чындап эле сиздики эмеспи? - деди жылмая.

- Жок дедим го? - Жүрсүн жини келе бурк этти.

- Макул, сиздики эмес болсун, бир аз аярлап көрүп койбойсузбу? - Жакындап жете келди.

- Менин бекерчилер менен сүйлөшкөнгө убактым жок, жаман көзү менен карады кыз.

- Мен дагы бекерчи эмесмин.

- Бекерчи болбосоңуз кайдагы бир дептер үчүн эмнеге убакыт коротуп жүрөсүз?

- Кыздардын баалуу буюму жоголуп калганга ичим ачышат, балким бул дептерди издеп убара болуп жаткан чыгаар ээси.

- Менин ишим канча, шашып жатам.

- Тура туруңуз, атыңыз ким сулуу кыз?

- Жүрсүн.

- Эмне?

- Жүрсүн деп жатпайынбы?

- Эмнени?

- Менин атым Жүрсүн, - деди күлкүсү келе.

- Ыя, ошондой да ат болобу, тамашалабаңызчы чоң кыз.

- Болот экен.

- Жакшы Жүрсүн, менин атым Адеп.

- Ыраспы, мындай атты укпаптырмын.

- Кызыгарлык бекен?

- Ооба, - Жүрсүн шашканын унута алаксый түштү, Адеп ага жанаша басып баратып дептерди улам бир колу менен чапкылап бараткан, Жүрсүндүн көздөрү дептерге тигиле сумкасын карап кирди, ал жанараак киоскадан ак барак алганда дептери түшүп калганын байкабай калган. Эми шаша карап таппай жатты.

- Эмне издеп жатасыз Жүрсүн? - Адеп сынай күлө карады, түшүп калган дептерди алып артынан келген, эми аны издеп жатканын түшүндү, атайын тааныр бекен деп булгалап жаткан болчу.

- Эч нерсе.

- Эч нерсеңиз жоголгон жокпу?

- Колуңуздагы дептерди көрсөм болобу?

- Көрүңүз, мен ээсин издеп жүрөм го? - дагы күлүп койду. Жүрсүн дептерди алып биринчи бетин ачып эле кайра жаап койду.

- Кайдан алдыңыз? - деди жүзү кызара Жүрсүн.

- Жерден.

- Билип жатам, кай жерге түшүп калыптыр?

- Киосканын алдына.

- Сизге рахмат, - деп Жүрсүн сумкасына дептерди сала койду.

- Аялуу буюмду үйгө катыш керек, менимче жашыруун сыр бардай бул дептерде, - Адеп сырдуу жылмайды.

- Анчейин деле эмес.

- Эмне болсо дагы дептерге рахмат, анын арты менен сиздей сулуу кыз менен таанышып калдым.

- Жакшы калыңыз, жакшылыгыңызга рахмат, - Жүрсүн ылдамдай басып жөнөдү, ал ушул дептерине өз жүрөгүнөн оргуп чыккан махабатты, эч кимге айтылгыс аруу тилегин, жашыруун сырын жазчу. Аны окуду бекен деп өзүнчө бушайман болуп жаткан.

- Жүрсүн, бир аз баспайлыбы?

- Жок, шашып жаттым эле.

- Кантип жолугабыз?

- Жолугуушунун максаты эмне?

- Сүйлөшүп турсак дегеним да.

- Кереги жок, бир көргөн адамга акидей асылуунун кажети жок, дептер үчүн чоң рахмат, - Жүрсүн токтобой кете берди.

- Үй телефонуңуз…

- Айылдыкмын.

- Кечиресиз, кай жерде турасыз же окуйсуз?

- Арабаевада.

- Жакшы, көрүшкөнчө Жүрсүн, - Адеп андан алыстап кала берди. Жүрсүн унаага отуруп үйгө келсе эч ким жок экен дептерин ачып кайрадан жаза баштады: "Такыр жоготуп алсам эмне болмок, балким тааныштар окуп калсачы, үйгө таштасам эжем көрүп калат, эмне кылсам экен", - деп ойлонуп дептерге үңүлдү: "Мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем анткени мен сүйүүгө кабылдым! Балким бирөөлөр сүйүүнүн эмне экенин билишпесе да керек, а мен сүйүүнү билем, сүйүп калдым. Балким Советбек байке билбегени жакшыдыр, менин жүрөгүм ал деп согуп күнү-түнү оюмдан кетпей ал деп жашай баштаганымды. Баса эжем менен ата-энемдер угушса менден кечип коюшаары анык. Анткени атамдын менден үмүт зор эмеспи, анан дагы бир балалуу, аялы бар адамды сүйгөнүмө сөзсүз каршы болушат. Мен баары бир бактылуумун, анткени сүйүүнүн кандай экенин сездим. Сүйүүнүн өңү кандай? - дегенди укканым бар… Сүйүү чөгүп кетчү деңиздей терең, күйгүзүп жиберчү күндөн ыссык, бийиктиги көк мээлжиген тоо менен ободон дагы бийик болоорун сездим. Ооба, мен бул сүйүүмө жете албасымды билем, ыйык бойдон жүрөгүмдү үнсүз черткилеп тирүүлүктө канча жашасам ошончо жылдар жашай берет. Мен бир гана адам үчүн жашап өтөм", - деп жазып көпкө ойлонду. Ошол убакытта сырткы эшик ачылып Советбек кирди.

- Оо Жүрсүн, сен үйдөсүңбү?

- Ооба.

- Эрте келгенсиң го?

- Сабак бүттү, сиз өзүңүз эрте келипсиз.

- Гүлсүн жеңе жок бекен?

- Ийи, ал жок экен, жездем келдиби?

- Ал базарга кетти.

- Аа-а, мен чай коеюн, - Жүрсүн тура жөнөдү.

- Кардым ток.

- Өзүм иче элекмин.

- Аа-а, мейли анда.

- Байке, - деди кайра кирген Жүрсүн.

- Оов.

- Үйүңүзгө такыр барбайсыз го, эмнеге?

- Жумуштан кол бошобой жатат.

- Сагынбадыңызбы?

- Айла жок.

- Аялыңыз башка бирөөнү сүйүп калса кантесиз? - Күлүмсүрөй карады.

- Ал андай эмес, мени сүйөт.

- Сиз сүйүүгө ишенесизби?

- Неге?

- Сүйүү деген кандай болот өзү?

- Эки адамдын бири-бирине болгон арзуусу.

- Арзуу деген эмне?

- Жүрөктөн чыккан сезим.

- Аялыңызды катуу сүйгөнсүзбү?

- Ооба, биз бири-бирибизди аябай сүйөбүз.

- Демек, сиз башка бирөөнүн сүйүүсүн кабыл албайт экенсиз да? - деди Жүрсүн ызалуу карап телмире.

- Мисалы кимдин?

- Деги дейм да.

- Жүрөгүмдө орун жок.

- Өкүнүчтүү…

- Неге өкүнүчтүү, ким үчүн? - Советбек кызды сынай карады, ал көптөн бери анын көз карашынан байкап жүргөн.

- Ал жашыруун…

- Мейли, бирок сезим менен ойногон болбойт, айрыкча өз сезимиң менен, сезим деген кээде алдамчы келет, жолдон чыгарат, азгырат Жүрсүн, сен али жашсың, болгондо дагы балтыркандай солкулдаксың, морт болот жаш кез, капыстан катуу сокку жесең чорт сынып калышың мүмкүн, - деди кызды карабай туруп.

- А мен баарына даярмын, түбөлүк сезимим менен гана жашоого бел байлагамын, менин тагдырым ата-энем менен эжемди санаага салышы мүмкүн дечи, а мен өзүм үчүн эч качан өкүнбөйм, - деген Жүрсүн Советбектин маңдайына келди, ал караса каректери жашка толуп, узун кирпиктеринин арасынан көз ирмесе эле мөлт этип кетчүдөй болуп турган экен, - Мен сүйгөн адам бактылуу жашаганын көрсөм ошондо мен дагы бактылуу өмүр сүрөм.

- Жүрсүн, сен ойноок бала сыяктуусуң, сенин аруулугуңду бирөөлөр каралап кетүүсүнө жол бербейм, өмүрүмдө жалгызмын, жетим болуп чоңойдум, сени карындашымдай көрөм, ошондуктан сенин кирпигиңден жаш төгүлгөнүн каалабайм, аз убакыт өтсө сен өз бактыңа жолугасың, ошондо менин айтканымды түшүнөсүң, - деди да Советбек сыртка чыгып кетти. Ошондон көп өтпөй эле айлыгын алган Советбек айылга жөнөдү, өзү кеткенде үч айлык болуп калган уулу Мирбек аталап, жөрмөлөп калыптыр. Алып келген оюнчуктары менен таттууларын, кийим-кечектерин берип ялы менен ысык кучакташып өбүшүп учурашкандан кийин:

- Шайыр, сен өзүң элесиңби? - деди эки жагын карап.

- Ким болуш керек эле? - Шайыркүл кашын кере кайра өзүнө суроо узатты.

- Апам келген жокпу?

- Советбек, баладай кызык жансың да, анын дагы уул-келиндери бар, неберелерин карашы керек.

- Мейли, деги уулум экөөңөр коркподуңарбы? - Советбек алдындагы уулун өөп аялына кайрылды.

- Корккондо эмне, сенин кимиң бар эле кабар алып тургудай, кудай деп жашап жатабыз?

- Койчу эми, буйруса батир даярдап коюп эмкиде уулум экөөңөрдү тең алып кетем, чогуу болобуз, иш болсо жакшы, - деп эч нерседен капарсыз чайдын ууртап коюп сүйлөп жатты. Жатаар маал болуп калганда Шайыркүл тушта илинип турган саатты улам карап кыйпычыктап кирип-чыгып жатты.

- Төшөк салайын, тур эми, - деди анан.

- Ма-акул, уулумду бүгүн өзүм алып жатайын ээ апасы? - Кубанычтуу уулунун ууртунан өөп күлө карап аялынын саатты карап жатканын байкады, ал анын сөзүн да укпаган сыяктуу эле…

Бир убакта төшөктү салып бүтүп сыртка чыгып кайра келди, Советбек баласын эркелетип эч нерсени сезбегендей байкап турду, сырттан кирип эле кайра эки көзү саатты тиктеп идиш аягын кармаламыш этип карбаластап жатты. Бир топтон кийин уулу уктап калганда туруп келип аялын артынан кучактап өөп калганда Шайыркүл:

- Сен жата бер, мен ишимди бүтөйүн, - деди жактырбаган өңдүү аста түртө.

- Шайыр, сени мен сагындым, кел жаталычы, эртең жасайсың, - деп Советбек мойну башынан өпкүлөп кирди, - Жүрү жаталычы жаным.

- Кое тур эми сен жата тур, - деп Шайыркүл чыйрыга үн чыгарды, бул түрү менен ал өзүн күтпөгөнүн сезди, болбой эле жумушун жасатпай колтугунан алып акырын төшөккө барды, байкап көргүсү келди.

- Жүрчү жаным, сагынып кеттим, Мирбек уктап калды, - деп төшөккө баса жыгылды, Шайыркүл муздай муздак болуп туруп алды, жылмайганы өзүнө жарашпады, бир нерседен шек алып коркуп тургандай күйөөсүнүн алдында жатып дагы саатты карап жатты. Советбек булардын баарын сезгени менен байкамаксан болуп өз сагынычын, эңсөөсүн жазды, күшүлдөй жатып аялынын төшүнө колдорун коюп, башын колтугуна катып алып, - Сен мени сагынган жоксуңбу Шайыр? - деди акырын үн чыгарып.

- Ыя, эмне дейсиң? - Шайыркүл уйкудан ойгонгондой чоочуп кетти, - Бирдеме дедиңби?

- Сен эмнени ойлонуп жатасың?

- Эмнени ойлонмок элем.

- Билбейм, сүйлөсөм укпагандайсың.

- Кеткениңе канча болду, сагынсаң эрте эле келбейт белең? - деп өз абалын таарынычка бурду, - Жарым жылдан ашты, дагы эстегениңе шүгүр.

- Иштеп жаттым да, балам экөңөөрдү кыйналбасын деп акча жөнөтүп жаттым го, ай сайын жыйырма миңден, ошого да капасыңбы?

- Бул жакта деле жашаса болот эле го, мал-сал бар, шаарга эмне максат менен кеткениңди билбейм, - Шайыркүл ары бурулду, ошол кезде сырткы эшик такылдап калды эле шашыла тура калды.

- Сен жата бер, мен эле чыгайын.

- Жо-жок, сен чарчап келдиң, мен өзүм, - Шайыркүл халатын үстүнө жаба салып шашкалактай сыртка чыкты, Советбек акырын артынан босогодон тыңшап турду, - Кетип кал, күйөөм келип калды, - деп шыбырай сүйлөгөн Шайыркүл артистка боло калып заматта үнүн бийик чыгара урушуп кирди, - Бар ары, арак ичип алганда келчү жерди тапкан экенсиң, азыр күйөөмдү чакырам, сени өлтүрүп коет, - деди да бир колу менен оозун баса, бир колу менен ички үйдү көрсөтө ымдап жатып эптеп эшикти тарс эттире жаап көзүн жума туруп калды.

- Ким экен? - деп Советбек чыгып келди, аялынын өңү башкача бузула түшкөнүн көрүп өзүн токтоо кармаган ал аны сынай тиктеп туруп, - Кир эми, - деди.

- Мас, бул айылда деле бомждар көбөйдү, масында келе берет, идиш сурашат, - деп ичкери шалдырай кирди: "Кудай сактады, Советбектин жумшактыгы, ишенчээктигинен гана кутулдум, эми келбейт, кудайга шүгүр", - деп халатын ыргыта төшөккө жатып калды.

- Күндө келе береби? - Советбек кайдыгер сурагандай болду.

- Кээде эле…

- Мен чыкканда болмок, экинчи келбейт эле, эркеги жок деп эрмектеп жүргөн болбосун?

- Жо-ок, мындайлар көп, зыяны деле жок.

- Коркпосоң эле болду, - деп Советбек дагы жата кетти, үч-төрт күн жүрүп калды, Шайырдын кабагы ачылган жок, кирип-чыгып өз ишин кылып, кайнагаларын конок кылганда дагы бир кабак ачпады. Кубатбектер ыраазы болуп Советбекти мактап отурду, бирок аялы Жийде Шайыркүлдү улам карап Советбекке бир нерсе айтмакчы болгону менен күйөөсү аны баш чайкап токтоткондой ишааратын сезди ал.

- Балам, - деди Кубатбек акырын жүзүн Советбекке бура, - Акылың бар, сен эмес ата-энелүүлөр дагы шаарга барып эле бузулуп ичип кетип жатат, сен минтип үй-бүлөөгө карап жатасың, иштин көзүн таапсың, эми келинди да ала кетип бир-эки жыл иштеп кел балам.

- Ооба аба, барып батирди ылайыктап таап андан киийн алып кетейин деп жатам.

- Туура кыласың балам, үй-жайың менен мал-салды биз карап багып турабыз.

- Жазда эле барбасак, кыш келип калбадыбы, бала менен кыйналып калабыз го? - деди Шайыркүл.

- Эч нерсе эмес, жылуулап алабыз, жакшыраак батир табам да, - Советбек камырабай айтты, - Акчаң болсо баары болот, тапсаң жашайсың, буйруса кышында дагы иш токтобойт деп жатат.

- Ооба, капырай жазда дебей эле күйөөң менен кет, биерде бала менен жалгыз отурбай, же үйгө барбайсың, - деп Жийде купшуңдап келинин сүйүңкүрөбөй карады, анткени ал бир аз ушак угуп калган, ошондон улам Шайыркүлдү анча жактырбай жүргөн, - Талтөөндөй болуп иштеп келип отурат, тиги Баймырзанын баласын угуп жүрөсүңбү, аял бала-чакасы менен иши жок ичип көчөдө калыптыр деп жүрүшөт.

- Ар ким өз акылы менен да апа, - деп Шайыркүл да ага жактырбагандай жооп кылды, - Советбектин ишенээр сиздерден башка кимиси бар, ичип кетсе өзү билсин.

- Шайыр, мен бирөөнүн акылы менен жашабайм, кетебиз дедим кетебиз, эки күндөн кийин мен барып жакшы батир табам да кайра келип алып кетем.

- Ошент балам, - деди Кубатбек, келини менен инисин урушуп кетпесин дегендей алдын ала сүйлөдү, - Балаңарды алып чогуу оокат кылганыңар жакшы, бутуңарга туруп алып анан келип малды көбөйтүп жашай берсеңер болот.

- Буйруса, өзүм дагы ошондой деп ойлоп жатам, - деди Советбек, көптөн кийин дасторконго бата кылып анан алар үйлөрүнө кетишти. Советбек тапкан акчасынын жарымын салып, жарымын долларга айлантып ушул келишинде үч миң доллар алып келген, Шайыркүлдүн кебетесин, өзүнө жасаган салкын мамилесин көрүп он миң сом гана берди да калганын Кубатбекке каттырып коюп кетти. Шайыркүлдүн кылыгына ичи муздай түштү. Жумушу баштала элек болчу, батир таап, баарын даярдап коюп анан түш оой шаардан чыкты, түн ортосунда келип эшигин какты эле ачпай көпкө туруп калды, бир кезде:

- Бул ким? - деген Шайыркүлдүн уйкулуу үнү угулду.

- Шайыр, мен келдим, - деди Советбек ага дароо эле.

- Ыя, Советбексиңби? - деп катуу чоочуп алды да кайра ары кирип кетти.

- Шайыр, Шайыр дейм, эшикти ачпайсыңбы?

- Азыр, азыр кийинип алайын, - деген үнү калтырагандай чыкты. Негедир кечигип жатты, дароо жаман ой башына келе калган Советбек үйдү айлана терезенин ачыла турган жагына жетип эми жатчу бөлмөнүн тушуна келгенде форточка ачылып бирөө чыгып келе жатканда ал далдоого тура калды да тигил караан секирип жерге түшкөндө жетип кармап калды.

- Сен кимсиң? - деди жакасынан муунта кармап.

- Кечир Советбек кечир, - деген үндөн караңгыда өзү менен бирге окуган Добулду тааныды.

- Акмак, тапкан экенсиң да ойношту?! - деп бир койду.

- Кечир мени Советбек, Шайыр өзү мени азгырды, өзүң билесиң да, аялым, балдарым бар, кечир мени! - деп Добул башын калкалап отура калды, - Урсаң ур, өлтүрө көрбө, аялым укпасын.

- Сени өлтүрүп колумду булгабайм, Шайырды сага бердим, токол кылып ал, тү-ү силердин кылыгыңарды! - деди да үйгө кирсе Шайыр көрүнбөйт.

Ал эбак эле караңгы чаркарга кирип бекинип калган, ал муунуп өлүп калгысы келди, бирок коркту, бүрүшүп отуруп таң атырды. Советбек уулунун жанында жатып ойлогондо колуна алып көтөрүп: "Кандай кылсам экен, мен азыр баланы алып кеткенде бага албайм, бул кылыгын көрүп туруп Шайыр менен жашай да албайм, эмне болсо ошол болсун, үйдү кулпулап туруп Жийде апама таштап кетейин", - деп үйдү бекитип Кубатбектин үйүнө барды. Алар окуяны уккандан кийин баланы келинге бербейбиз деп чыкты. Бир жумадай айылда болуп анан Шайырдын буюмдарын сыртка чыгарып коюп, үйүнө туугандарынын үйлөнгөн баласын киргизип, Мирбекти Кубатбекке таштап кете берди. Шайыр өз кылыгына кеч түшүндү, апасы аны үйүнө киргизбей урушту.

- Сендей кызым жок, укум-тукумубузга шек келтиргенден көрө ошол үйдөн өлүгүң чыкса болмок, эркектер жасаса болот андай ишти, аларга боло берет, аял башың менен шерменде кылдың!

- Апа, кечир мени, жинди болдум, баламды бербей койду, - деди Шайыркүл калп айта. Анткени ал Советбектин көзүнө көрүнгөндөн коркуп баса берген.

- Баладан айлан, жаш балаң менен өлүп бараткансыбай тынч жүрбөйт белең, жеңелериң менен келиниң эмне дейт ыя? - Энеси Шайгүл кызын акшыя карады, - Балам деп коет, уялбайсыңбы, элдин бетин кантип карайбыз ыя, жетим болсо дагы тапканын жөнөтүп сени көптүргөн экен, ырыскыны да көтөргөн аял көтөрөт, - деди жини келип.

- Ушинтип баламдан айрылып каламбы апа?

- Үнүң өч, үмүтүңдү үз эми, баланы унут, андан көрө акча берем шаарга кет, мен сени бул үйгө калтыра албайм, - деп жүзүн үйрүдү Шайгүл.

- Апа, мени кечирчи-и, - деп ыйлап отурду Шайыркүл, ага бир дагы карабады эне, ачуусу келгени ушунчалык эле, уул-келиндери укса эмне дейт, - деп өзүнөн-өзү кысынып, кымырынып турду, канткени менен эне деген эне эмеспи, кызынын жаңылыштыгын түшүнүп турса дагы эчтеке дей албады. Эки күн ыйлап баш көтөрбөй жатып акыры ал жерге тура албасын түшүндү да энесине айтып коюп шаарга жөнөп кетти…

Советбек шаарга жаман акыбалда келди, жалдаган батиринде жашап жүрүп кээде Каныбектикине барып калат. Жүрсүн ал келгенде берээрге эчтекесин таба албай дасторконду жайып түгөнбөгөн суроолорун бергенден тажабайт. Бүгүн келсе да Гүлсүн менен Каныбек жок экен, жалжылдай караган Жүрсүн.

- Эмнеге келбей калдыңыз? - деди күлүмсүрөй.

- Батирге чыккам.

- Аялыңызды алып келдиңизби?

- Жо-ок, өзүм эле.

- Жалгыз турбай бул жерде эле тура бербейсизби?

- Уят го, жүк болгондой болуп кеттим.

- Эмнеге, сиздин бул жерде болгонуңуз мага жакшы болмок, - деди кыз сырдуу жылмая.

- Неге?

- Билбейм, өзүм деле түшүнбөйм..

- Жүрсүн, жигитиң барбы? - деди Советбек кызды сынай.

- Жигитти эмне кылам?

- Күйөөгө чыкпайсыңбы?

- Кереги жок.

- Эмнеге?

- Мен башка бирөөнү сүйөм, анын үй-бүлөөсү бар.

- Бойдоктордон эле сүйсөң болбойбу?

- Жүрөгүм не кааласа ошону кылам да.

- Ал ким болду экен, бактылуу адам го анда, сенин сүйөөрүңдү билеби?

- Билбейм.

- Сыртынан эле сүйүп жүрөсүңбү?

- Ооба, мени шакаба кылбаңызчы, ансыз дагы жүрөгүм эзилип бүттү, - Жүрсүн терс бурулду.

- Жүрсүн, сени мен шакаба кылбайм, жөн отургуча сүйлөшүп отуралы деп сурадым да, оор тийсе кечир.

- Эч нерсе эмес, - деп сыртка чыгып баратып Каныбек менен беттеше түштү, - Оой жезде!

- Кайда жөнөдүң эле?

- Эшикке, - Жүрсүн жол бошото жылып кетти.

- Оо кел Советбек, качан келдиң?

- Жанараак келгем, кандай жатасыздар?

- Кудайга шүгүр, өзүң кандай, көчүп келип алдыңбы?

- Жок, - деп унчукпай калды.

- Шартың келгенде келесиңер да, кардым ачты, чай ичели иним, мен көптөн бери жумушка жарай албай ооруп жатам, анан Гүлсүнгө жардам берип жүрөм, кыш болсо үйдө болом го, ден-соолук начар.

- Өзүңүзгө караңыз, биздин иш эки күндөн кийин башталат.

- Иштей бер иним, үй-бүлөөңдү алып келип алсаң.

- Үй-бүлөө жок байке, жалгыз калдым, баламды эптеп жазда алып келип бала баккыч жалдап өзүм багам.

- Эмнеге? - Каныбек элейе карап калды.

- Ошондой болуп калды, - деп Советбек болгон окуяны айтып жатканда Жүрсүн кирип келе жатып токтой калып угуп калды: "Демек аялы менен ажырашыптыр да", - деп ойлуу туруп анан билмексен болуп кирип келди.

- Бекер кылыпсың, бир жолкусун кечирип алып келе берсең болмок экен, аял деген ошо да, балаң менен кыйналасың го?

- Жок, өзүм багып алам, жазга чейин иштесем айылга барып үйдө болом. Өзүм жетим өскөнүм жетет, баламды каалаганындай чоңойтом, мен андай аял менен бир күн да жашай албайм байке, арам ой ойлонбой бардык шарты бар батир таап, төшөнчүлөрдү дагы жаңы алгамын, мурун барганымда эле байкап, көзүм көрбөсө, кулагым укпаса болду, шаарга алып кетсем баары унутулат деп ойлогомун, болгондо дагы классташымдын жоругу күйгүзбөдүбү, - деп үңкүйө отуруп калды.

- Капаланба иним, катын кетсе камчы сап, кайра төшөк жаңырат, - дейт эмеспи, эсиң бар жигитсиң, өзүңө жаккандай иш кыл, - деп Каныбек чайдан ууртап койду.

- Ошо да байке, сизге рахмат, жумуш таап берип менин көзүмдү ачтыңыз, ага-инидей болуп калдык, - Советбек көз кыйыгы менен Жүрсүндү караса ал тамак жасамак болуп бирдеме жасамыш болуп кулак салып отуруптур. Гүлсүн келгенден кийин чогуу отуруп тамактанышты, Максат менен Тилек кыжылдашып калды аңгыча.

- Менин ручкама тийбе дебедим беле, өзүңдүкүн жоготуп алып меникин аласың да? - Максат инисине үңүрөңдөдү.

- Берип турсаң, кайра эле берем.

- Бербейм, өзүм сабак жазам.

- Бат эле берем.

- Силерге эмне болду? - Гүлсүн балдарына кайрылды.

- Балаң ручкасын жоготуп алып меникин алып жатат.

- Кечээ эле алып бербедим беле?

- Жоголуп кетти, - Тилек култуңдап койду.

- Ушу сен сабак деле окубайсың го, ойноп жүрүп жоготтуң да, - Гүлсүн наалый баласына акча берди, - Ме буга эртең алып ал, сен азыр берип тур, жазып алсын.

- Мен дагы жазам да, тапшырмам көп, - Максат үңүрөйө ручкасын сунду, - Тез жазып алып бер мага.

- Ооба, бат эле берем да, - деп Тилек алып дептерге үңүлө карап калды.

- Азамат балдарым, - деп Каныбек күлүп аялына карады, - Окуп президент болот белеңер, мендей бир кара жумушчу болосуңар да.

- Эмне экен, жакшы окуса президент болуу эчтеке эмес, ошенткендин ордуна атадай болуп оку дебейсиңби, - Гүлсүн күйөөсүн жактыра бербей карады.

- Мен жакшы окуйм ээ апа? - деп эки уулдан кийинки кызы Үмүт апасына эркелей кетти, - Мен дайыма бешке окуйм.

- Кызым жакшы окуйт буйруса, балдарыңды өзүң окут, - деп карсылдай күлгөн Каныбек Үмүттү өөп коюп алдына отургузду.

- Ооба, жакшы окуп, жакшы жүргөн бала атаныкы, жаманы качан болсо эненики да.

- Ананчы, илгертен жакшы чыккан бала атанын баласы деп айтылат, - Каныбек ого бетер күлүп калды, бака-шака болуп отурушуп анан жатып калышты. Баары жаткан кезде Советбек сыртка чыгып кайра үйдү көздөй басканда алдынан Жүрсүн чыкты:

- Эртең кетсеңиз качан келесиз?

- Эмнеге сурадың?

- Керек.

- Каалаган убакта.

- Неге?

- Көргүм келет.

- Бир күнү…

- Жок эртең, айтсаңыз таап алам.

- Болуптур, - Советбек кыздын шагын сындыргысы келбей дарегин айта салды.

- Эртең барам, - деп коюп ары карай жүгүрүп кетти.

- Тентек кыз, - Советбек башын чайкап күлүп коюп ичкери кирип ордуна жатып калды. Жашоо дегениң кээде теңирден тескери бурулуп, адам күтпөгөндөй жагдайлар болуп кетет эмеспи, Советбек көпкө чейин өзүнө келе албай жүрдү, ишенип ишене албай тагдырына таарынып: "Неге менин ишеничимден кетти, жок дегенде ортодогу баланы ойлобойбу, сүйүүбүздү сыйлабайбы, же сүйөм деп жалган эле айтып жүргөн го, өзү сүйөм деп көп кыздын ичинен кызганчу эле, бул кылганына кандай түшүнөм", - деп ойлонуп, бирок өзү токтоолугунан жаман жолго түшпөй, ачууну ачуу менен басканды ойлобой ичинен тынып эптеп болгон окуяны унутууга тырышып жатты. Иши башталган соң жан алы калбай иштеп, баласын ойлонуп тынчы кетип араң чыдап бир ай болгондо барып көрдү. Кубатбек сыртта жүргөн Советбекти көрүп эле.

- Кел балам, иш кандай? - деди.

- Баары жакшы, тынч-аман турасыздарбы?

- Шүгүрчүлүк, кир балам үйгө.

- Мирбек кыйналбадыбы аба?

- Анча-мынча болот да, энесинен бөлүнгөндө бала ооруп-сыркап калат, - Үйгө ээрчише киришти, суук боло баштагандан бери мешке от жага башташкан, үй уядай жылуу экен.

- Мирбек, Мирбек ата келди уулум, - деп Кубатбек төрдө ойноп отурган балага карады.

- Кел айланайын, - Жийде Советбекти бетинен өөп учурашты, - Уулуң эми-эми көнүп калды, балдар көтөрүп түшүрбөйт, чыныктап жакшы болду, энесине куса болобу деп жүрөгүм түштү, кудайга шүгүр эми дурус, - деп бежирей болгонду айтып жатты.

- Апаңды кыйнадыңбы балам? - деп Советбек баланы колуна алып, эки ууртунан өөп алдына алып отурду.

- Ишиң болуп жатабы балам?

- Ооба, иш жакшы, муну дагы сизге таштайын, - деп Кубатбекке чөнтөгүнөн акча алып сунду, отуз миң, калганын тамак-ашка жаратып жатам, жазга чейин иштесем айылга эле келип баламды өзүм карайын деп жатам.

- Баладан кам санаба, иш болуп турганда иштей бер, андан көрө өз эмгегиңден тапканыңдын алдын ата-энеңе куран окутуп койсоң болот эле, арбак ыраазы болбой тирүү тоюнбайт деген бар балам, - деди Кубатбек, - Сен эми адам болдуң, эмгектенгенге жарадың, баланын атасы болдуң.

- Туура айтасыз аба, качан ошентели?

- Мына, жакында орозо башталат, ошондо ооз ачтырып коюшуң керек, кантсе да сен алардан калган туяк эмессиңби?

- Макул, кайсыл убакта келейин?

- Орозо бир жумадан кийин башталат, отуз күн кармалган орозо бүтөөрдө келсең даярдай коебуз.

- Семиз кой сатып ала коем.

- Кой табылат, - деди Кубатбек. Советбек эки күн туруп анан кайра шаарга кетти.

Түш оой квартирасына келип кайра базарга барып майда барат алып келүү үчүн чыкты. Андан ары классташы Гүлнур жолугуп калды:

- Ай Совет кандайсың ыя?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жайында, кандай анан, үйлөндү деп уктум эле, аяш дагы бияктабы?

- Жок, өзүм элемин, - Советбек аялы жөнүндө сөз козголушун жактырбай бош сүйлөдү.

- Качан келдиң шаарга, кимдерди көрүп жатасың?

- Ким, ал тургай өзүмдү көргөнгө зармын.

- Эмне, сен бирдемеге капалуусуң го? - Гүлнур ой-боюна карабай шакылдап сурай бергенинен тажап кеттиби же классташ дегенди укканда Добул классташынын кылыгы кыжырын кайнатып ийдиби, Гүлнурдан эрте кутулууга шашты.

- Гүлнур, шашып жаттым эле, дагы жолугабыз.

- Ма-акул, - Гүлнур ыңгайсыздана жылмайды, - Канчадан бери жолуга элекпиз, бир аз сүйлөшөлү десе…

- Башка күнү, азыр мени күтүп жатышат, - деп кол суна коштошту да ылдамдай басып кетти.

- Кызык, мындай эмес эле, аялынан корктубу? - деп артынан бир аз карап ийин куушуруп койду да өз жолуна түштү. Советбек батирине келсе айтканындай эле аны Жүрсүн күтүп туруптур.

- Менден неге качасыз? - деди ал көрүп эле жаркылдай күлүп, күлгөндө ууртундагы эки уячасы ого бетер жарашып, көздөрү жалжылдап күйүп кетээрин азыр байкады Советбек.

- Сенден эмнеге качам?

- Качасыз, өткөндө келсем дагы жоксуз, күтүп-күтүп туруп кеттим, кечээ, анын аркы күнү…

- Мен айылга барып келдим.

- Азыр келдиңизби?

- Ооба.

- Үйүңүзгө киргизесизби? - деди көздөрүн ойноктото.

- Аа-а, унуткан турбайынбы, жүрү үйгө кирели, - деп Советбек кабат үйдүн подъездине кирип өйдө көтөрүлүп экинчи кабаттан эки деген номер тагылган эшикти ачып, - Кириңиз чоң кыз, - деди ага кайрыла.

- Рахмат, - Кыз ичкери кирип эки жакты карап туруп калды.

- Ушундай, жупуну жашоо.

- Эчтеке эмес, баары төмөндөн башталат дешет го.

- Туура, отур мындай, - Советбек төшөктү жаңсай колун жаңсады. Анан плитага чай коюп, алып келгендерин ортого коюп, - Нандан алып отур, чай кайнап калат, келээриңди билгенде конок күткөнгө даярдык көрмөк экенмин, - деди жылмая карап.

- Чын элеби, эгерде коноктойм десеңиз бүгүн бул жерде калам, - Оштоно көздөрүн күлүңдөтө карап жооп күткөндөй карады.

- Жок-жок, Гүлсүн эмне дейт, башка күнү.

- Эмне экен, мен уже чоңойдум, өз алдымча жүрүүгө акым бар.

- Ошентсе да…

- Сиз менин калуумду каалайсызбы?

- Мен… - Советбек чыны менен апкаарый түштү.

- Кана айтыңызчы, каалайсызбы же каалабайсызбы?

- Жок-жок Жүрсүн, кыз баланын бойдок эркек менен бир үйдө калганы болбойт, сен азыр үйгө бар эжеңдер издеп калышат, - деп Советбек кызды кетиргенге аракет кылды.

- Макул, азыр кетем, бирок сиз мени бүт жашоңуздан сызып сала албайсыз, демек мен сиз мененмин! - деди да кыз акырын ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Советбек катуу ойлонду, бирок бара-бара өзү дагы кыздын жалындуу көздөрүнө арбалып баратканын сезген жок, кылт этсе кыздын аруу жүзү, баладай ойноок кыялы эсинен кетпей, жумушунда дагы, үйдө дагы көз алдына тартылып, жан дүйнөсүн бир башкача сезим бийлеп алды: "Ойноок, токтоло элек неме да, сүйүү эмне экенин сезбейт, түшүнбөйт, качандыр бир кезде тагдырына бирөө кабылса жаңылдым деп басып кетүүсү мүмкүн, мен ага өз дилимди бийлетпешим керек, турмуштун алгачкы соккусун ансыз да көрүп, жүрөгүм сууп турганда сүйүүнүн гүлүн өндүргөн кыздын жүзүнөн алыс болуп качышым керек", - деп ойлонуп өзүнөн-өзү качмак болду. Бирок тагдыр таптакыр башка жагына ооп кетээрин сезбеди. Ар айда барып уулуна ар кандай оюнчуктар менен жер-жемиштерди жеткирип кайра келип жүрүп жазга жуук кетмек болгондо аны проробы кетирбеди:

- Советбек, сен бизге керексиң, ишиңди так аткарасың, сапаттуу жасайсың, балаңды алып кел, үйдөн бакканга бир кызды жалда, жардам беребиз.

- Үйүм да кароосуз калды, кароосуз калган үйдү билесиз, ансыз дагы он беш жылдай кулпулануу турду, эми ошол ата-энемден калган үйдү жетимсиретпей карашым керек.

- Сен кабатыр болбо, биз бошогондо жалпы бригада менен барып көңүлүңдөгүдөй кылып ремонттоп беребиз.

- Жарайт, - деп Советбек айылга барып баласынын тамтуң басып калганын көрүп аябай кубанды. Үч күнгө жооп алып кеткен, базардан мал алып, Кубатбекке мал баккан акың деп бир топ акча таштады да уулун алып шаарга келе берди. Ошол күнү эле он төрт жаштагы кызды баласын бакканга жалдап алды, бул арада Жүрсүн экзаменден колу тийбей келе албай жүргөн эле. Жайкы каникул башталганда ал Советбектин үйүнө келди, ал жок эле, Жазгүл бар болчу.

- Келиңиз, - деди жаш кыз ага.

- Советбек байке жокпу?

- Жок, ал жумушта.

- Сен кимиси болосуң? - деп Жүрсүн болпойгон жаш кызды бутунан башына чейин карап койду.

- Мен нянкамын, - Ошол убакта тамтаңдаган Мирбек анын артынан келип калды, - Бала багам, - деп баланы көтөрө койду.

- Бул жерге жатып багасыңбы?

- Ооба, кеч келгенде үйүмө бара албай калам да.

- Жакшы экен, - деп ичкери кирип наристени алып көтөрүп төр жакка өттү, үй ичи өзгүрүлүп калганын көрдү, жаш кыздан негедир кызганып кетти, наристени ууртунан өбө, - Атаң качан келет балам? - деп койду.

- Сиз ким болосуз эже? - Жазгүл ага кайрылып.

- Менби… мен…

- Оп-па, мен келдим Жазгүл, уулума бир сонун нерсе алып келдим, - деп Советбек кирип келип Жүрсүндү көрүп селдээ карап туруп калды.

- Кандайсыз? - Жүрсүн жаркылдай карады.

- Жакшы, өзүң кандай жакшы кыз?

- Ойдогудай, окуу бүттү, жайы менен бошмун.

- Азамат, экинчи курс болдуңбу?

- Буйруса, а негизи мен окууга көңүлүм жок, атамдар эле оку деп жатышат, эртең аларга баруум керек.

- Барышың керек…

- Мени күткөн жок белеңиз?

- Жок, тиричиликтен кол бошобойт, - Советбек уулуна келип көтөрүп ала койду, - Кана уулум, оюнчуктарың менен ойночу, - деп колуна оюнчуктарды карматып ойнотуп жатты, - Жазгүл, ыйлап сени кыйнабадыбы?

- Жок, ыйлаган жок.

- Жакшы, сага көнө баштады окшойт ээ?

- Көнүп калды байке, мен кете берсем болобу?

- Макул бара бер, эртең эртерээк кел.

- Эрте эле келем, - Жазгүл кийинип алып чыгып кетти.

- Балаңыз сизге аябай окшош экен.

- Атасы менмин го? - Советбек күлүп койду, - Сен кимге окшошсуң, атаңабы же апаңабы?

- Атама окшошсуң дешет, эжем апама окшош.

- Атаң сулуу киши болсо керек?

- Мен сулуумунбу?

- Сулуусуң, бирок сулуу аял алганча өңү суук жылаан кучактап жат дешет го, анын сыңары сулуу аял эркектин душманы, бирде жакшы жакка алып барса, бирде зыянга гана учурашат.

- Эмнеге андай ойлойсуз? - Жүрсүн Советбекти түшүнө бербей карап калды, - Сулуу аялдан көңүлүңүз калды беле?

- Аялдардын баарын жек көрүп калдым.

- Неге, аялыңыз алдап кетсе эле баардык аялды бирдей күнөлөй бересизби?

- Андан деле эмес, - Советбек уулун алдына отургузуп алып бир топко тунжурай түштү, - Жүрсүн, мен сени менен мындай сөз сүйлөшкүм келбейт, андан көрө үйүңө бар дагы кеткенге даярдан, Гүлсүн жеңе күтүп жаткандыр?

- Күтө берсин, качан кетем анын иши эмес.

- Мен баламды карашым керек.

- Жардам берем, - деп күлүп келип Мирбекти анын колунан алып көтөрүп алды, - Кана-кана, экөөбүз ойнойбузбу? - Ууртунан чопулдата өөп-өөп алды, - Таттуусуң го ушунча, ширинсиң го ыя жигит? - Өзүнчө эле бала менен сүйлөшүп кирди.

- Жүрсүн, мен баланы уктатып коюп жуунуп, эртең ишке барууга эс алуум керек, кеч калбай үйгө кайтсаңчы.

- Мен Мирбек менен калам, мындан ары өзүм карайм, - деп каштарын кере, көздөрүн ирмеп-ирмеп, оозун чормойтуп, - Сиз каршы болбоссуз, мен акы албайм, жөн гана Мирчикти карайм, кана сүйлөштүкпү? - Маңдайына келип суроолуу тигилди.

- Болбойт, сен андан көрө атаңдарга бар.

- Барбайм, мен Мирчикти багам.

- Жүрсүн, сен акыл-эстүү кызсың го, мени түшүнчү, атаңдар башкача ойлошот, мени сени азгырды деши мүмкүн, андайды мен жактырбайм, андан көрө ага-карындаш болуп сыйлуу болуп кала берели, - деп Советбек ага аста айтты.

- Сизсиз мен өмүр сүрө албайм, керек болсо мен баарына ачык айтам, азыр барып айтам, - деп Жүрсүн ыйлаган бойдон чыгып кетти:

- Жинди кыз, эркелигин көр, - деп баш чайкай күлүп кала берди Советбек, бирок ал кетээри менен бир капталы эңшериле түштү: "Сен экөөбүздү түшүнсө кана, жаш кызды азгырдың деп мени күнөөлөшөт, экөөбүзгө каршы турушат, баарын билип туруп кандай деп айтам сага тентек кыз, бирок сага дагы ишене албайм, бир күнү мен башканы сүйөм деп басып кетсең кандай абалда калам, жаңы үйлөнгөндө Шайыр деле мени сүйөм, сенсиз жашай албайм дечү", - деп ойлоно берди, бирок ал оюнун түбүнө жете албады. Уулу ыйлап аны уктатууга киришти, көрсө ал өзүнчө ойноп жатып уйкусу келгенде ыйлаган экен. Күндөгүдөй эле Жазгүлгө баласын таштап коюп жумушуна келип кечке иштеди, кечке маал тамак-аш көтөрүп үйүнө келди, ушу бүгүн Жазгүлдүн айлык акысын бермек. Аны үйүнө жөнөткөн соң уулу менен отуруп анан жатууга киришти, арадан билинбей бир ай өтүп кеткен: "Жүрсүн ата-энесине кеткен экен, эмне кылып жатты экен, башка бирөө менен таанышып калса мени унутат, мейли бактылуу болсун, өз теңи менен болгону жакшы, менин маңдайыма жазганы дагы тургандыр, уулумду аман-эсен чоңойтуп алсам болду", - деп ойлонуп отурган. Мирбек өзүнчө басып калган, сыртта аптап, күндүн күйүп турган убагы, уулун ээрчитип алып көлөкөгө ойноткону чыккан.

- Мирчик, кел муну алчы, - деп колундагы шарды үйлөп ары басып кеткен уулун өзүнө чакырды.

- Ата-ата, бейчи-бейчи! - деп Мирбек томпоңдоп жүгүрүп жетип келип шарды талашып жаткан.

- Салам байке! - деп Жүрсүн алардын жанына келип Мирбекти жерден так көтөрүп ала койду, - Кандай жигит, чоңоюп жатасыңбы?

- Жүрсүн, сен кайдан?

- Үйдөн эле, силерге келдим.

- Жакшы, жүрү үйгө кирели.

- Албетте киребиз, - Жүрсүн Советбекти сырдуу жылмая карап койду, - Кана Мирчик, үйгө кирелиби?

- Үйдөгүлөрүң кандай жатышат, Гүлсүн жеңе менен Каныбек байке жакшы жүрүшөбү?

- Баары жакшы, келбей калды деп жездем сизге таарынып жаткан.

- Бир күнү Мирчик экөөбүз барып келебиз.

- Жазгүл келип жатабы?

- Ооба, үч күнгө чейин бошоткомун.

- Жакшы, сулуу жаш кыз экен.

- Сулуулукту мен баалабайм.

- Неге?

- Мен адамдардын ички дүйнөсүнүн сулуугун жактырам.

- Ма-акул эми, сиз менен тартышууга болбойт, - Үйгө киришип отургучка отурушту, Советбек үй ичин толтуруп алган, болгону үй өзүнүкү эмес, - Ох-хо, үйдү толтурупсуз го?

- Аракет кылып жатам.

- Жакшы кылыпсыз, чет элдикине көз артпай өзүбүздөн чыккан мебелден алса деле болот экен го? - деп үйдү айланта карап отурду, ошол кезде Жүрсүн ичин басып өңү өзгөрүлө кабагын чытый отуруп калды:

- Жүрсүн, сага эмне болду? - Советбек жанына келип үйрүлө калып чекесине колун тийгизди.

- Ичим, ичим түйүлүп жатат, - деп чыдай албай кара терге түшө онтоп киргенде тез жардамды чакырды эле жарым саатта жетип келип алып кетти. Советбек баласын алып кошо келди, "Острый аппендицит", - деп операцияга дароо эле киргизишти, керектүүсүнүн баарын төлөп коюп операция бүткөнчө отуруп анан Каныбектин үйүнө жөнөдү, алар кечки тамактарын ичип отурушкан экен.

- Кел Совет кел, - деп Каныбек тура калды, - Оо жигит чоңоюп жатабы?

- Жакшы байке, - Советбек орун алгандан кийин, - Мен ооруканадан келе жатам, - Жүрсүн сокур ичеги болуп операция болду, - деп Каныбек менен Гүлсүндү карады.

- Ыя, аны кайдан көрдүң? - Гүлсүн таңгала карады.

- Ал кээ-кээде биздин үйгө барып турат, бүгүн да барган экен, ошол жерден ичим деп чыдай албай тез жардам чакырдым, аз болбогондо жарылып кетмек экен деди врач.

- Кудай сакта-а, өзү да көп ичим дей берчү эле.

- Өзү жакшыбы деги?

- Жакшы, наркоз тарай электе мен биякка жөнөдүм.

- Жакшы кылыпсың, өзү көп ичим дечү, кудай сактаган экен.

- Мен барайын, өзүңөр барасыңар да, керектүүсүнүн баарын төлөп койдум, жөн гана көрүп келгиле, - Ордунан турмак болгон Советбекти Каныбек отургузду.

- Шашып кайда, отур бир аз, көптөн бери келбей кеттиң,

- Ээ байке, жалгыз бой эркек болуп жүрсөм анан кантем, бала баккыч жалдайм, кечке эрте келип алып калышым керек, иштебесем болбойт, - Советбек оор күрсүнүп алды, - Иши кылса түйшүк баары.

- Эчтеке эмес, уулуңду чоңойтуп алсаң билинбей калат.

- Кой эмесе, Каныбек Жүрсүндү көрүп келели, Советбекке рахмат, болбосо врачтар өлүп баратсаң дагы акчаң барбы деп болсо карайт, колунда болбосо карабай калган, - Гүлсүн кийинип жатып да сүйлөнүп жатты. Үчөө жолго чыгышты ооруканага келишсе Жүрсүн көзүн ачып калган экен, аларды көрүп жылмайгансып алды. Жаны кейип турганы көрүнүп, өңү купкуу болуп турган.

- Жүрсүн, акыбалың кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деп Гүлсүн эңкейип эки бетинен өөп үйрүлө ыйлап ийди. Жүрсүн башын гана ийкегиледи. Бир жумадан кийин Советбек майда-барат алып келип жанында отурду.

- Акыбал кандай?

- Жакшы, өзүңүз иштеп жатасызбы?

- Болуп жатат, качан чыгасың?

- Эртең чыгам го.

- Сакайып кет, мен эми келе албайм.

- Мирчик чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, тили чыга баштады, мен кетейин, - деп Советбек ордунан турду.

- Өөп коюңузчу!

- Эмне? - Советбек чоочуп кетти.

- Мени өөп коюңузчу.

- Макул, - Советбек кызды жылмая тиктеп туруп эңкейип ууртунан өөп жатканда кыз аны эки колу менен жаагынан бекем кармап алып өөп киргенде Советбек анын колун зорго бошотту да, - Эрке кыз, мындай кылбай жүр да, - деди.

- Эмнеге, мен жаш эмесмин, сиз менин сүйүүмдү кабыл албай ар дайым терс буруласыз, баары бир сизди сүйөм, - дегенде Советбек аны жалт карай берди, кыздын көздөрүнөн аккан тамчы жаш жаздыкка тамып сиңип жаткан экен.

- Жүрсүн, сен экөөбүз бири-бирибизди сүйө албайбыз.

- Неге, мен сизди жүрөгүм менен сүйөм, мени сиз сүйбөй эле коюңуз, жаныңызда болушума каршы болбоңуз, сизден ушуну гана суранам, - деп кыз өйдө болуп отурду.

- Акырын, ичиңе күч келет, - Советбек келип кармай калды.

- Сиз мени аяп жатасызбы? - Жүрсүн жаштуу көздөрү менен жалооруй карады, - Аяган болсоңуз анда мен сиздин айтканыңызды жасайм, сүйбөңүз мени, сүйүүмдү аяңызчы?!

- Жүрсүн, сен азыр сыркоосуң, жакшылап сакайышың керек, анан окууң башталат, өзүңдү кара макулбу?

- Мен өзүмдү аягым келбейт, кээде өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет, бирок мени сиз гана сактап каласыз, себеби мен сизди таштап кете албайм, акыры бир күнү мени сүйөөрүңүздү сезем, - деп Жүрсүн ылдый карап сүйлөп жатты.

- Сени эстүү кыз деп жүрсө, али секелек бойдон турбайсыңбы, али ойноок баладайсың, мен үй-бүлөө күткөн чоң кишимин, сен жаш кызсың, келечегиң алдыда, - деп Советбек жанына отуруп чачынан сылап, жашын аарчып жатты, ошол убакта палатага Гүлсүн кирди:

- Советбек, сен биерде белең?

- Ооба, кел жеңе.

- Келдим, атамдар келген, өзүм аларды ээрчиткен жокмун, ыйлап сыктай беришет, - Гүлсүн Жүрсүнгө кайрылды, - Кана жаман кыз, акыбалың жакшыбы, эртең чыгара турган болдубу?

- Ооба, бүгүн жибин сууруду.

- Атам менен апама эртең чыгат деп айттым, алар барабыз деп болбойт, - Гүлсүн алып келген тамак-ашын тумпочканын үстүнө койду, - Тамактан куюп берейинби?

- Жок, анан ичем.

- Эмесе мен кетейин, эртең чыксаң жакшы бар, сакайып кет, - Советбек Жүрсүндү карай айтты да Гүлсүн менен коштошуп палатадан чыгып кетти: "Кыз деген сүйөм дегенден уялчу эле, азыр заман башка, кыздар өз сүйүүсүн тартынбай айта алат, кызык неге мурунку кыздарга тиешелүү назиктик, уяңдык менен сылык-сыпаалык жоголуп баратат, эмнеси бар экен, кыз сүйүүсүнө арзыбай турган жан бекенмин, болгону отуз эки жаштамын, Жүрсүн мени сүйсө мен дагы аны сүйө алам, анын сүйүүсүн кадырлап, барктап төбөмө көтөрүп алам, балким ал экөөбүз бактылуу болуп кетээрбиз, пешенеме ошону жазып койгондур", - деп ойлонуп үйүнө келди. Жазгүлдү жөнөтүп уулу менен калды, убакыттар өтө берди, Советбек кызды ойлоно берип жинди болуп кете жаздап баратты. Бир күнү эртең менен Жүрсүн келип Жазгүлдү үйүнө кетирип жиберди, кечке маал келген Советбек аны көрүп үй ичинен Жазгүлдү издеди.

- Жазгүлдү издеп жатасызбы? - деди Жүрсүн.

- Ооба, ал кайда?

- Аны мен кетирип ийдим.

- Эмнеге?

- Баланы мындан ары мен карайм.

- Бала болбочу Жүрсүн, сен жакында окууңа барасың.

- Окуумду таштайм.

- Неге, окугуң келбейби?

- Ооба, мен Мирчикти багам.

- Оюнуңбу же чыныңбы, Гүлсүн жеңе эмне дейт?

- Эчтеке дебейт, - деп түнөрө карады, көтөрүп турган Мирбек анын саамайларын тарткылап ойноп жатты, - Сизде жүрөк барбы деги?

- Жүрсүн, биздин жолубуз башка-башка дедим го?

- Жок, мен сиз менен гана бактылуу болом.

- Жүрсүн, - деп Советбек ойлуу бир аз отурду да кызды алдамак болду, - Болуптур, мен сени түшүндүм, сен окууңду таштаба, мен макулмун, экөөбүз сүйлөшүп туралы, мен мурда карындашым катары карасам, мындан ары башкача кабыл алайын, азыр мен даяр эмесмин, көрүп турасың го бала менен кыйналып жүрөм, - деди ага тигиле, - Дароо эле сен биерге келип алганың болбойт, анын үстүнө бала көтөрүүгө сага болбойт, ичиңе күч келет.

- Макул анда, келип турсам болобу?

- Албетте, биз бири-бирибизди жакындан билүүбүз керек.

- Жарайт, мен эртең келем, - Жүрсүн кетмек болду.

- Кел, отуруп чай ичели.

- Жарайт, мен чай коеюн, - Жүрсүн кубанычтуу ашкана бөлмөгө кирип газга чай коюп кайра келди, - Айылга кетпей калдыңызбы?

- Жок, дагы бир-эки жыл иштөөгө туура келет.

- Жакшы болгон экен, азырынча батир которбойсузбу?

- Жок, бул үй сатылат экен, сатып алышым мүмкүн.

- Ай-ий, жакшы болот анда, менден качып батир которуп кетеби деп коркуп жаттым эле, - деп күлүп койгондо Советбектин жүрөгү зырп эте сайгылашып кетти: "Ушундай ууз кыздан качкыдай акмак эмесмин да, болгону эже-жездесинен тартынып жатканымды сезсе кана", - деп оор дем алып алды.

- Неге качам?

- Сиз менден тажап жүргөнүңүздү билем.

- Койсоңчу Жүрсүн, сендей кыздан тажагыдай келесоо эмесмин, башка нерселер бар, сен болгону жаштык кылып жатасың.

- Эмнеге, мен жыйырмага чыктым, жаш эмесмин, өзүмдү-өзүм башкара алам, сүйүүгө дагы акылуумун.

- Туура дечи, тең-теңи менен деп коюшат го? - Сынай жылмайып койду.

- Мен экөөбүздүн ортобуздан айрымачылыкты көрө албадым.

- Сен али…

- Жашсың дегениңизге кошулбайм, мен баарына даярмын, үй-бүлөө күтүүгө, бала күтүүгө дагы…

- Дагы эмнеге даярсың? - Советбек каткыра карады.

- Баарына дедим го? - Тултуң эте ашканага кирди. Советбек өзүнчө күлүп койду: "Айбан кыз, ата-энеси каршы болсо эмне дээр экен, өз билгенин кое бербеген тентек", - деп ойлонуп отурганда Жүрсүн чай алып келди. Экөө отуруп чай ичишти.

- Эртең мен үйдө болом.

- Ыраспы, анда базар кыдырбайлыбы?

- Макул, Мирчик экөөңдү балмуздакка тойгузайын.

- Анда эрте келем, кеттим мен, - деп сумкасын ала жөнөдү.

- Шашпай уйкуңду кандырып кел, - деп артынан айтты Советбек. Мирбек уктап жаткан, ага сүт бышырып, тамак берип анан тойгузган соң жатып калды. Эртеси Жүрсүн экөө Мирбекти ээрчитип алып базарга келишти. Адегенде эле Советбек Жүрсүнгө гүл алып берди, анан балмуздак жешип, кафеге киришти. Андан кийин ортосуна баланы жетелеп бир нерселерди сүйлөшүп күлүп кетип жатышканда аларды катардагы соода кылып жаткан Шайыркүл көрүп бүткөн бою калтырай селдээ карап туруп колун суна:

- Уулум, Мирбек! - дегенде Советбек артын карап көп элдин ичинен аны байкабай да, көрбөй калды:

- Ким, бирөө Мирбек дедиби?

- Мирбек аттуу толтура да.

- Чын эле, - деп артын бир карап коюп бурулуп кетип баратышты. Советбек менен Жүрсүн. Жүрсүн караганда аларга жетип-жетпей келе жаткан эле Шайыр, аны таныбагандыктан эчтекени сезген жок, Шайыркүл кызды көрүп ичи ачышып: "Мен акмак, жакшынакай кызга үйлөнүп алган тура, баламды эми мага бербейт, көрө албай каламбы баламды, мага чала", - деп көзүнүн жашын жүзү ылдый куюлтуп турган жеринде катып кала берди.

- Жүрсүн, сен үйүңө кайта бер, кеч болуп кетти.

- Макул, - Жүрсүн эңкейип Мирбекти бетинен өөп, - Кана Мирчик, эртеңге чейин, - деди да аялдамага жөнөдү. Советбек уулун ээрчите батирине келип ойлуу отуруп калды…

Шайыркүл шаарга келгенден кийин эле кийим-кече алып соода жасай баштаган, баласын айылда деп жүргөн эле, эми анын басып калганын көрүп аны көргүсү келип, сагынычы ашып-ташканын сезип өпкөсү көпкөнчө ыйлады. Товарын жыйып коюп батирине келди да эч ким менен сүйлөшпөй жатып алды, аны менен бирге бойдок эки келин турчу, бири Акылай, бири Сүйүн деген келиндер. Экөө тең күйөөдөн ажырашкан. Шайыркүлдүн көңүлү чөгүп келгенин байкап:

- Шайыркүл, сага эмне болгон? - деди Сүйүн.

- Эчтеке болгон жок, башым ооруп турат.

- Дары ичип албайсыңбы, ысыктыкы го?

- Өзү басылып калат, - деп болбой койду Шайыр.

- Күйөөң менен эмнеге ажыраштың эле? - деди Акылай.

- Эмнеге сурадың, себептери толтура, силер эмнеге ажыраштыңар эле? - деп Шайыр күңкүлдөй жооп кылды.

- Чын эле сенин күйөөң кандай эле? - Сүйүн Акылайга көз кыса карап койду.

- Менин күйөөм ичкич болчу, ай ошону кеп кылгым да келбейт, - Акылай колун шилтеп койду, - Сеникичи?

- Менин күйөөм ээрчиме, апасынын тилинен чыкпаган неме болчу, тажап кетип баса бергем, жетелеме күйөөнүн барынан жогу да.

- Туура, бирок чыдасаң баарын жеңесин дешет экен го?

- Үч жыл чыдадым, төрөгөн балам дагы чарчап калды, эгерде балам бар болгондо илээшип жүрө берет белем, - деди Сүйүн ойлуу.

- Менин кызым бар, апам багып жатат, ичкиликтен башка эчтекени ойлобой калган адамды жүз жыл эмгек коротсоң дагы оңдой албайсың, мына менин азыр жаным тынч, мас болуп келсе дагы уруш-жаңжал салат деп коркпойм, кызыма тапканымды берип жатам, - деп улутунуп койду Акылай.

- Ырас эле, мен дагы ошондой деп ойлойм.

- Ээ Шайыркүл, сенин күйөөңчү, кандайча ажыраштыңар эле, алаксыйсың биз менен эрмектешип отурсаң.

- Жок, менин күйөөм өлүп калган, - деди чорт Шайыркүл.

- Кечирип кой, билбеген адам уу ичет деген.

- Эч нерсе эмес, - деп коюп жаткан жеринде ойлонуп жатты:

"Андан башка эмне деп айтам, өзүм ойнош күтүп алып күйөөм кармап алган деймби, баламды алып калган деп айтамбы, же калптан күйөөмдү күнөөлөшүм керек беле, балам жанымдан өткөндө да барып кучагыма алып бир өөп алганга кудуретим жетпеди го, бетим чыдабады, уулум кечире көр садагам, өз күнөөмдүн айынан ичимден чыккан баламды көрө албай азап чегип жүргөнүмдү ким билмек эле", - деп ыйлап жатып уктап калды. Эртеси соодасы болбой кечке кыжаалат болду, улам көз алдына Советбек менен баланы жетелеп кетип жаткан жаш, сулуу кызды элестетип ойлору алда кайда кете берди. Кечинде дагы капалуу келген Шайыркүлдү эки келин маанайлары көтөрүлө тосуп алды.

- Келгениң жакшы болду, тез жуунуп кийимиңди которун, жигиттер келет, таанышып отурабыз, - деди Сүйүн.

- Эчтекеге көңүлүм жок.

- Ушинтип жүрүп өлүп кетмексиңби, күйөөң өлсө сен тирүүсүң.

- Кереги жок.

- Ай Шайыркүл, бүгүн биз менен көңүлдүү отуруп кой, андан кийин өзүң бил, бол эми кийин, келип калышат.

- Мени кошпой эле өзүңөр отура бербейсиңерби?

- Жо-ок, андай болбойт, сен биздин теңтушубузсуң, тагдырыбыз дагы окшош, көңүл ачпаганда эмне кылмак элек? - деп эки келин Шайырды ой боюна койбой жатып кийинтип жасантышты. Алар эбактан эле жасанып-түзөнүп, тамак жасап, дасторкон даярдап коюшкан. Көп өтпөй эле шыңгадай болгон үч жигит келип калды.

- Саламатсыңарбы сулуулар? - деп бири озуна гүлүн сунду, үчөөнүн колунда тең гүл бар эле. Шайырга бири гүлүн сунду.

- Келиңиздер, төргө өтүңүздөр, - дешип учурашкандан кийин келиндер жигиттерди дасторконго өтүүсүн суранышты, бир аздан соң бири-бири менен таанышып чай ичип бакылдашып киришти. Дастан менчик ишканада менеджер болуп иштейт экен, Руслан компаниялардын биринде иштегендигин айтты, үчүнчүсү Турусбек мектепте мугалим.

- Эмесе кыздар, силер менен таанышканыбыздын шаанисин жасабайлыбы, сиздер үчүн биздин бир аз белек-бечкегибиз бар эле, - деди Дастан.

- Ооба, Турусбек сен барып алып келе кал, - деп Руслан ага кайрылды.

- Убара болбоңуздар, - деди илбериңки Акылай.

- Убарачылык эмес, машинада калыптыр, - деп Турусбек чыгып кетип пакет толтура бирдемелерди көтөрүп кирди.

- Сүйүн экөөбүз мурдатан тааныш элек, кана эмесе Сүйүндүн достору менен таанышканыбыз үчүн деп бирдеменин мойнун кыйбасак болбойт го балдар, - деп Руслан күлүп калды.

- Туура, дал ошондой болушу керек, - деп Дастан Акылайга ыктай отурду. Алардан Шайыркүл кичүү болгондуктан ага Турусбек тура келди, экөөнүн көздөрү чагылыша түшкөн сайын келин көзүн тартып алат. Бир аз ичишкенден кийин ырдай башташты. Турусбек Шайырга жакын отуруп суроо узатып кирди.

- Шайыркүл, кай жердин кызы болосуң?

- Көлдүн Тоңунан болом.

- Күйөөң эмне болгон?

- Өлүп калган.

- Кечир.

- Эчтеке эмес, - деген Шайыркүл: "Кудай өзүң кечире көр, бир жетим өскөн немени жазгырганым аз келгенсип өлдү деп күнөөлүү болдум, кечире гөр", - деп ичинен кудайдан суранып жатты.

- Эмнени ойлонуп кеттиң?

- Эч нерсени.

- Балаң барбы?

- Жок, төрөгөн эмесмин, - Турусбекке байкатпай жакасын кармап койду, - Аз эле жашадык.

- Ата-энең барбы?

- Апам бар, эмнеге мынчалык сурадыңыз?

- Мен дагы бойдокмун, ылайыктуу болсо үйлөнөм го, ата-энем үйлөн деп шаштырып жатышат, - деп шыбырап койду.

- Оо анда үйлөнөт экенсиз да, кыздар жакпай жаткан го, өзүң үйлөнгөнсүңбү мурда?

- Ооба, үйлөнүп ажырашкам, бир балам бар.

- Балаң кайда?

- Өзүмдө, аялым таштап кеткен.

- Кызык экен, сендей келишкен жигиттиби?

- Ошондой болду.

- Демек…

- Ооба, мени таштабай турган аял керек.

- Ой силер тимеле бир көргөндө сүйүү романын баштап калдыңарбы? - деп Руслан аларга кайрыла күлдү, - Шашылбагыла, бүгүн ойноп көңүл ачууга убакыт керек.

- Да-а, туура айтат Руслан, - деп койду Дастан.

- Шайыркүл, кел бийлейбиз, - деп чакырды Сүйүн колун булгай.

- Мен бийлей албайм.

- Биз эмне сахнада же барда бийлеп жаттык беле?

- Ошентсе да…

- Жүрү Шайыркүл, экөөбүз бийлейбиз, - деп Турусбек акырын шыбырап колун сунду, - Жүрү бир аз эле бийлейли.

- Мен бийлей албайм.

- Үйрөтөм.

- Чынбы? - деп Шайыркүл ордунан турду, чакан батирдин ичинде музыка жаңырып, бала-шака болуп жатып бир топто тынчып калды, жигиттер кетип, үч келин калып өздөрүнчө күлүп бири-бирине өз ойлорун айтып жатты:

- Дастан абдан маданиятту жигит экен, - деди Акылай аларга, - тим эле сылыктыгын айт.

- Руслан дагы жакшы жигит, көптөн бери тааныйм, теңтуштарың болсо тап деген ошол да, менин убактым болбой жүрдү, - деп экөө улам бири мактап жатышты, Шайыркүл үндөбөй жата берди.

- Ай Шайыркүл, сенин жигитиң кандай экен ыя?

- Бир көргөндө кандай экенин билбейм да.

- Ой кокуй десе, киши жаманын кирип чыккыча билем, өз жамандыгымды өлгөнчө билбейм деген бар, бир жери кантип жакпасын ыя? - деп Сүйүн күлүп калды.

- Чын айтам, анын кандай экени мени кызыктырган да жок.

- Ушу сен күйөөңдү катуу сүйсөң керек, - деп Акылай айтканда Шайыркүлдүн жүрөгү зырп этип кетти: "Ооба, мен Советбекти сүйгөмүн, мага чала, өз сүйүүмдү өзүм булгадым, ал мени кечирээр бекен, балабыз үчүн кечир деп бутун кучактап жалынсам бекен, үйлөнүп алган болсочу, суйкайган сулуу келинчеги турганда ал мени кечирмек кайда", - деп көздөрү жашка толо түштү.

- Туруп-туруп эле мелтиреп ойго батып кетесиң, мунуң болбойт, өлгөндүн артынан өлө албасыңды али түшүнө элексиңби? - деди ага карап Сүйүн.

- Ошону айтсаң, минте берсең ооруп каласың.

- Ойлонгонум жок, уйкум келди, - Шайыркүл ары бурулуп жатып алды.

- Мейли, - деп Сүйүн Акылайга карап көзүн кысып койду, - Биз жигиттер жөнүндө бир аз кыялданып алалы, жок дегенде эс алганыбызга жакшы.

- Ооба, жакшы ой, жакшы уйку.

- Баса Дастан кыйналып базарга чыкпа, мен чакан ишкана ачып берем деди, - Сүйүн Акылайга сырдашып жатты, - Ишенсем болобу ыя?

- Неге болбосун, айтканын аткара турган жигиттер.

- Жайында ысыкта какталып, кыш бою суукта калчылдап үшүп базарда отурганды ким жакшы көрөт, ошондой болсо кана?

- Кам санаба, Руслан мага үй сатып берем дейт, мен анын ойношу болушум керек экен, аялым үйдө болсо сен жанымда болосуң дейт, эки жумада бир келип турат экен, - деп Акылай Сүйүндү нукуп койду: "Тигил чын эле уктадыбы", - дегендей ээгин экчей, ал ийин куушуруп:

- Жакшы караса жаман күйөөдөн жакшы ойнош артык, - деди, анын: "билбейм", - дегени эле, - Кадыр көңүлүңдү тапса ойноштон өткөн жакшы нерсе жок ай, - деп ал дагы аны нукуп койду. Буларды угуп жаткан Шайыркүл: "Турусбек чын айтты бекен, эгерде чын көңүлү болсо жыргап жашоонун эмнеси жаман, үйлөнөм десе макул боло берсемби? Жо-ок, баламдын жанында болгонум жакшы го, баары бир чындыкты билип калса өзүмө жаман болот", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, бир кезде көзүн ачса таң атып калыптыр, тигилер али уктап жатышат, кеч уктагандыкы го. Шайыркүл өзү туруп кийинип шам-шум этип алды да жумушуна жөнөдү, убакыт деген сааттын жебесиндей чык-чык этип токтобой өтүп жатты, арадан бир топ убакыт өтсө дагы агылып өткөн элдин ичинен бирөөлөрдү издегени издеген. Уулун жетелеген Советбек менен жаш келинди көрүп каламбы деген үмүттө, кокус көрүп калса акидей асылып, элди көзүнө илбей жалынып жалбарууга даяр, бирок көзүнө көрүнө койбоду. Кардарга товарын көрсөтүп жаткан:

- Шайыркүл, - деген үндөн башын көтөрсө күлмүңдөп Турусбек туруптур, - Кандайсың?

- Жакшы, кайдан бу?

- Ушундай эле, базарга келгемин.

- Жакшы, - Шайыркүл кайра кардарга алаксый түштү.

- Мен кечинде барам, даяр бол ээ? - деген Турусбек жөнөй берди, кычаган кардарлары кеткенден кийин ойлонуп калды: "Эмнеге даяр болушум керек, түшүнбөй да калдым, кээде акырайып отурсаң клиент жок, ушундайда кычап калганын кара", - деп ойлонуп кыжаалат болуп кечке маал эртерээк жыйыштырып батирине келди, жуунуп таранып кийинип алып чай ичип отурду.

- Салам Шайыр, - деп Турусбек кирип келди.

- Салам, келиңиз.

- Даяр болсоң кеттик.

- Кайда?

- Мындай чыгып келели, жүрү, - деп жылмая колун сунду, - Кеттикпи?

- Макул, - Шайыр жарк эте маңдайы жарыла кубанычтуу ордунан турду.

- Шайыр, кайда баралы айтчы?

- Өзүңүз билиңиз, мен шаарды жакшы билбейм.

- Жарайт анда, өзүм билген жакка айдайын ээ? - Турусбек Шайыркүлгө көзүн кыса унаасын зуулдата айдап баратты. Алар чоң кафеге келишти: "Алтын-Ордо", - деген кафеде эл кечкисин көп болот экен, тээ төрүнөн орун бошогондо барып отурушту. Алдыга келген кызыл шарап менен салаттар, тооктун эти, бүлбүл жанган кечки жарыкка кафе ичи өзгөчө кооз көрүнөт:

- Мен ишчү эмес элем, - деди шараптан куюп жатканда Шайыркүл.

- Аздан алып отур, мен деле көп ичкиликке жокмун.

- Ичкиликтин пайдасы жок экени ырас.

- Билем, ата-энем дагы жактырбайт.

- Бир туугандарыңыз барбы?

- Эң улуусумун, менден кийинкиси иним үйлөнгөн, эки карындашым бар, - деп Турусбек Шайырга тигилип калды, - Сенин канча бир тууганың бар Шайыр?

- Менден башка төртөө, экөө улуу, экөө кичүү.

- Демек беш бир тууган экенсиңер да?

- Ооба.

- Шайыр, эгер сен макул десең үйлөнүп албайлыбы?

- Экинчи эле жолугушуубуз, менин сен билбеген, сенин мен билбеген жактарыбыз бар, бири-бирибизди жакшы билбесек кандай болоор экен?

- Сен мен жөнүндө кандай ойдосуң?

- Азырынча белгисиз.

- А мен сени жүз жылдап таанып жүргөндөй сезип кетем, балким андай сезим боло берээр дечү, бирок сен мага эски таанышымдай болуп калдың.

- Кызык экен.

- Болуптур эми, мындан алып коелу, ден-соолук үчүн.

- Ден-соолук үчүн, - Шайыр дагы жылмая колуна алды.

- Алдык.

- Алса алдык.

- Мына эми сүйлөшүп отурсак болот, - деп дагы деле келинди теше тиктеген көздөрүн албай Турусбек ойлуу отура берди.

- Эмнеге мынчалык тиктедиң?

- Билбейм, карап эле тургум келет.

- Ошончолук сулуу бекемин?

- Айтпа, сулуу-сулуу эмес сүйгөн сулуу дешет эмеспи.

- Экөөбүздүн ортобузда сүйүүнүн болушу мүмкүн эмес.

- Неге, мен сүйүп калдым десем ишенбейсиңби?

- Жок ишенбейм.

- А мен айтканымды далилдейм.

- Мүмкүн эмес.

- Далилдесемчи?

- Кантип? - Шайыркүл Турусбекти жылмая карады.

- Кеттик, - деп Турусбек ордунан турду.

- Кайда?

- Анан көрөсүң, - деп колунан ала сыртка карай жөнөдү, кара ауди-100 зымырата айдап кетип жатты.

- Турусбек кайда барабыз, айтчы деги?

- Барганда көрөсүң, - деп газды катуу басып айдап кете берди, шаардан чыгып жаңы конуштардын бирин көздөй бара жатты, Шайырдын суроолоруна андан кийин жооп бербеди, айылдын орто жерине келгенде заңгыраган эки кабат үйдүн алдына токтоп өзү түштү да дарбазаны ачып унаасын ичкери киргизип коюп Шайырды колунан алып үйгө жетелеп жөнөдү.

- Турусбек, бул эмне кылганың, уят кылдың го, кайда келгенибизди билдим, - деп Шайыркүл колун катуу силке бошонуп алды, - Мен кирбейм үйгө!

- Эмнеге?

- Ошол, кирбейм дедим кирбейм.

- Туку, сен келдиңби балам? - деп ошол убакта үйдөн карыган кемпир чыга калды, Турусбек Шайыркүлдүн колун ого бетер бекем кармап:

- Ооба апа, мен келдим, - деп күч менен жетелеп апасын көздөй жөнөгөндө Шайыркүл эмне кылаарын билбей калды, - Апа, келиниңизди алып келдим.

- Ыя, ботом айтып койбойт белең балам? - деп апасы калдастай түштү, - Үйгө киргиз балам.

- Атам үйдөбү?

- Ооба, мен коңшуларга балдарды жөнөтөйүн.

- Макул апа, - деп Турусбек Шайырды ичкери жетелеп кирип төркү бөлмөгө алып кирди, - Сен былк этпей отур, а мен атама кирип чыгайын.

- Турусбек, сен туура кылган жоксуң.

- Мен өз көздөгөнүмдү жасайм, демек далилдедим, сен эми менин аялым болосуң, айтчы сен мага сүйүктүү жар болуп бересиң ээ? - деп эки жаагынан алаканы менен кармап алып жүзүнө тигилди, - Биз бактылуу болобуз, коркпо Шайыр, мага ишен, - деди да сыртка карай чыгып кетти. Көп өтпөй эле аялдар кирип Шайыркүлдүн башына жоолук салышты. Келген жери деле жакты, кайненеси аркы-беркини билген наабаттуу аял экен, кудагыйын, бир туугандарын чакырып ырым-жырымын жасады, Турусбек мектепке барып кайра келет, экөө ынтымактуу жашап жатышты. Бир жери Турусбек өтө кызганчаак болуп чыкты. Арадан бир ай өткөндө кайненесинин бир тууган сиңдиси Тотукан келип калды, ал Шайырдын айылынан болчу, аны көргөндө эле чыйрыга түштү. Кайненеси Асылбү менен өздөрүнчө отурганда көргөн - укканын айтып кирди:

- Ээ эже, Туку бул келинди кайдан таап алган? - деди.

- Өзү таап келди, ыймандуу эле келин экен.

- Ыймандуу болбой курусун, аягы суюгунан күйөөсү баласын алып калып кууп чыккан, - деди шыбырай, - Тукуну азгырган экен да бу шуркуя.

- Капырай, күйөөм өлгөн дептир го?

- Калп, карандай калп, бирөөнүн жап жалгыз баласын өлдү дегенин кара, - деп босогону карап эжесине эңкейип бетин чымчып койду, - Ата-энеси жашында өлүп калган, бир тууган агасынын колунда чоңоюп, ошол үйлөнткөн, анан бул аягы суюктугунан ал күйөөсү үйүнөн кууп чыккан, баласын бербей коюптур.

- Капырай де, менин уулумдун көзүн май басып, кулагы керең болгон экен, жылаандай соймоңдогон неме азгырган экен го?

- Анан эмей, азгырган да, ушундайда жолуна салгыла, бир балээнин ичинен чыкпасын, - деп шыпшынып эпилдей сүйлөп жатты, Шайыркүл аны таанычу эмес, бейкапар өз жумушу менен алек болуп жүрдү. Тотукан үч-төрт күн жүрүп анан кетти, мектепке барып келип өз жашоосу менен алек болгон Турусбек таежеси кеткенден кийин эле түнөрө түштү, Шайыркүл эч нерсеге түшүнбөй:

- Туку, сен эмнеге капалуусуң? - деди бир күнү.

- Тагдырыма капалуумун.

- Ал эмне дегениң?

- Аңгектен качсаң, дөңгөккө дегеним.

- Чаргытпай ачык айтчы бай болгур, эмне дегиң келет?

- Аялдардын ичине адам эмес уулуу кара чаар жылаан дагы батканына өкүнөм, - деп ары оодарылып кетти.

- Ушундай болоорун билгемин, - Шайыркүл бышактап кирди.

- Билсең чындыкты айтпайт белең?

- Кандай чындыкты?

- Дагы да айткың келбейби, деги сен кандай аялсың, тирүү адамды өлтүрүп, балаңды жашырып, укпайт деп ойлодуңбу?! - Турусбек тура калып жаактан ары чаап-чаап жиберди.

- Турусбек, мен сага айткамын, бири-бирибизди билбейбиз деп, мени укпадың, ой-боюма койбой алып келип алып ушинтмек белең? - деди Шайыркүл ага көз жашын төгө.

- Дагы кандай калптарды айтаарыңды ким билет, адегенде эле калп айткандан уялган жоксуңбу?

- Болуптур, жаман айтышппайлы, эми дагы кеч эмес, эртең таң ата кетем, башка сөзүңдү уккум келбейт.

- Эмне, сен үчүн баары оюнчукпу, эки күн жашап кайра дагы бирөөнү алдап көнгөнсүңбү? - деп Турусбек аны тээп, кайра башка чаап-чаап ийди. - Сендей аялды тууган эненин өзү уяты жок болсо керек, билмексен болуп келип кеткенин кара, бир туугандарың сенин ушундай аягы суюк экениңди билеби? - деп дагы башына муштап, төшөктөн ары тээп ийди.

- Өлтүрсөң өлтүр, болбосо менин кетишиме жол бер, - деп Шайыркүл башын калкалап, кайната-кайненеси угуп калбасын деп үнүн чыгарбай ыйлап жалынып жатты, - Мени кечир, бирок бул жерде эми кала албайм.

- Жок, сен кетпейсиң, мен сенин бир көзүңдөн жаш, бир көзүңдөн кан алып жашатам, - деп эки карысынан алып булкулдата зекип жатты, - Мени алдайм деп ойлобо, мындан ары ушул жерде үнүңдү чыгарбай, акырын басып, көзүмдү карап, көңүлүмдү карап жашайсың, - деди зекий.

- Жок, мен антип жашай албайм.

- Жашайсың, үйдөн чыкпай күң катары жашайсың!

- Мени андан көрө өлтүр, болбосо кетир.

- Эмне, сен кеткиң келеби, мен сени кандай сүйгөнүмдү билбейсиңби, сен менин аялымсың, кетем деп ойлобо! - деп чачынан тартып чалкалатканда Шайыркүл бакырып жиберди:

- Кое бер Турусбек, мен кетем биерден, сенин сүйүүңө мен тең эмесмин, балам бар экенин жашырып жок дедим, күйөөмдү өлдү дедим, эми бул жерде кала албайм.

- Каласың, сени мен өзүм каалап алып келгемин, эми сен оңой кете албайсың! - деди да түртүп ийип, артынан буту менен бир тепти. Шайыркүл солкулдап ыйлап бүрүшүп отурду, Турусбек ага карабай жатып алды: "Неге мынча катаал болду тагдырым, бир жаңылган адам кайра оңдой албайбы катасын, баарын унутуп бактылуу болуу үчүн калп айттым, кыңыр иш кырк жылда дегендей жашырып өмүр бою жүрө албайт экенсиң да, эмне кылышым керек, эми мындан кетсем апам менден кечип коет, бир туугандарым эмне дешет, күң болсом да ушул үйдө көзүмдөн жаш ордуна кан акса да жашай берейин, өлсөм сөөгүм ушул үйдөн чыксын", - деп мелтейе түн бир оокумга чейин отуруп бир чечимге келди. Турусбек эртең менен үндөбөй чайын ичип алып жумушуна кетет, Асылбү дагы келинин жаман көрүп калды. Кээде атайын эле жасаган ишин жактырбай кагып силкип койчу болду. Бир күнү кир жууп жаткан:

- Ай келин, деги иш кылып көргөнсүңбү ыя, мына бул шейшепти карачы, чала жууп коюпсуң, - деп кермеден алып кайра Шайырдын жууп жаткан кирлерине кошуп койду.

- Таза эле жуугам апа.

- Каери таза, карачы тактарын, - деп таяк менен сайып койду.

- Ал өзүнүкү экен.

- Өзүнүкү деп, оро албаган ороктон көрөт болбой жуусаң таза жуу, болбосо өзүм эле жууйм, - деп басып кетти, Шайыркүл үн дей албай ишин уланта берди. Ал бул үйдө Турусбек айткандай эле күң катары жашап жатты, бирок ал намысы үчүн жашоого бел байлаган: "Күнөөмдүн жазасын алып жатам, бул аздык кылат мага, уулумду башка бирөөнүн колуна салып бердим, ал кийин сураса эмне деп жооп берем, балким баламды ушул бойдон көрбөсмүн Советбек мага анын караанын көрсөтпөс, мен ошого ылайыкмын", - деп көңүлү чөксө дагы колу иштен бошобойт. Турусбек ага жини келип өзү менен иштеген Жыпариза деген бойдок келин менен жүрүп алды, анын эки баласы бар, бир аз куник, бирок жылдыздуу келин эле, башталгыч класстын мугалими. Турусбек аны менен отуруп, бир аз ичип түн бир оокумда келет да Шайырды уктап жаткан жеринен ойготуп:

- Тур, мага тамак бер! - деди.

- Азыр, - Кийине калып тамакты ысытып алдына койгондо:

- Эмне мени күйгүзүп өлтүрөйүн дедиңби, кайнатып жиберипсиң, суутуп бер, - дейт кайра.

- Макул, - Шайыр тамакты суутуп болгуча аны артынан келип тээп ийди.

- Сен менин жүрөгүмдү муздаттың, сендей аялдардын бети жок, күндүзү эмне кылып жатасың, дагы бирөөнү издеп жатасыңбы, же эмдигиче таап алгандырсың! - деп тепкилеп кирди, - Кана, дагы кандай спектакл ойлоп тапканы жатасың

ыя?!

- Турусбек, мен үйдөн чыкканым жок, атамдар турбайбы, ишенчи мага, бир жаңылыпмын, жаштыгым, сулуулугум менен жаңылганымды сезбедим, кечирчи мени, тамагыңды ич, муздап калды, - деп жалдырай карады.

- Эми ата-энемди күбө кылгың келип калдыбы, сенин кандай амалыңды билем ыя, камыр болгон колун эрине карматып коюп өзүн кандырган аялдын так өзүсүң жалап! - деп тээп кайра кулак түпкө уруп калды. Шайыркүл ыйлаган бойдон отуруп калды, тамак ошол бойдон калды, ичилген дагы жок. Ошентип күн өтө берди, Жыпариза менен жүргөнү менен Турусбек өзү сүйүп калып алган аялындай көрбөдү, аны менен жөн гана ачуусун басмакка убакыт өткөрүүгө жүрчү, анткени Шайырду көрсө эле таежесинин айтканы эсине түшүп көзүнө анын башка эркек менен жатып алып актанып жатканы көрүнүп кыжыры кайнап кетет. Кээде өзүн токтотуп: "Болсо болгондур, ал өткөн окуя эмеспи, жаңылгандыр бул дагы, ага эмне мынчалык жинденем, ал деле адам го", - деп ойлонгону менен кайра эле ачуусу кайнай түшөт. Убакыт өтүп алты айдан өткөндө Шайыркүлдүн кош бойлуу экени билинди, баары бир ур-токмогу калган жок. Айы күнү жетип уул төрөдү, балканактай уулду көргөндө бир өзүн-өзү жемеледи Турусбек: "Кой, мен Шайырды сүйөм, кетире албайм, эми уулум бар, аны кордогонум болбойт", - деп бир аз жумшара түштү. Уулунун атын Мирлан коюшту, көпкө чейин жаңы турмуш башталгандай болду.

- Мирлан өзүмө окшош ээ Шайыр? - деди бир күнү уулун колуна алып, - Кечир Шайыр, сени мен катуу сүйгөндүгүмдөн кетире да албадым, эми кайталанбайт, сен мага капа болбо ээ? - деп өөп эркелетип отурду.

- Менде эмне арга, кайрылып төркүнүмө бара албайм, акыры түшүнсөң болду Туку, бир каталыгым өзүмдүн башыма азап болду, сен мени кечир, жаштыгымбы же жамандыгымбы, байкоостон калп айттым, - деди эрээркей Шайыркүл.

- Жаным десе, баарын унуталы, жашообузду кайрадан баштайлы, балабызды элден кем кылбай өстүрүшүбүз керек, балага ата-эненин мээриминен өткөн жакшы нерсе жок.

- Ооба, балдарга мээрим менен бирге эле экөөбүздүн тарбиябыз дагы зарыл, бизди көрүп өсөт, - деп Шайыркүл атасында калган уулу Мирбекти эстеп телмирип отуруп калды.

- Кам санаба жаным, мен мугалиммин, балам буйруса бактылуу балалыкта өсөт, - деп мамыры-жумуру болуп калышты, алардын бул ынтымагы кайненесине жакпады, кайнатасы болсо эч нерсе менен иши жок момун киши болчу. Асылбү келининин төрөгөн баласын жакшы көргөнү менен заарын чачканын койбоду.

- Бу шүмшүк Тукунун башын айлантып алды көрүнөт, дегеле жымылдап калды, катындан көзү каткансып көзүн эле карап калды, - деп эшикте сүйлөнүп жатканда кичүү келини келип калды.

- Апа, эмнеге кейип жатасыз?

- Кейибей турган жорукпу, кайнагаңдын башын айлантып алыптыр, көзүнүн агы менен тең айланып калыптыр, Манас менен Чубакты төрөп койгонсуп керсейип калды, хандын катынындай болуп баратат.

- Жеңем үйдөбү?

- Ооба жатат.

- Бала менен колу бошобой жаткандыр.

- Жаман катындын эки колун байлайм, жакшы катындын бир бир эле колун байлайм дейт экен бала, илээнди катындын буту колун жипсиз байлайт, шылтоосу да, - деп Асылбү силкинип койду.

- Апа, эмне кылайын, жардам берейинби?

- Тим кой, өзү кылат, карыганда менин бүтпөгөн ишим бар дейсиңби? - деп жактырбай карады, - Өзүңдүн балдарыңды карай бер, абысындын кызматын кылганда эмне табат элең?

- Сизге жардам берейин деп жатпайынбы апа? - Салия күлүп койду, - Мен жеңеме кирип чыгайынчы.

- Кир, кирип мени ушактап оңуп калгыла.

- Коюңузчу апа, мен сизди ушактап жүрдүм беле? - деп ичке кирмек болуп босогону аттай берээрде Шайыркүл чыга келди:

- Кел Салия.

- Кандайсыз?

- Жакшы, кир үйгө, апам сыртта жүрөбү?

- Ооба.

- Апа, баланы көрүп коюңузчу, чыдабай ыйлап жатат.

- Эмне болуптур? - Асылбү үйдү көздөй басты.

- Билбейм, басылбай ыйлап жатат.

- Көрөйүнчү, - деп үйгө кирип баланы колуна ала койду, бала чырылдап ыйлап жаткан, ичин ачып көрүп, - Ичи ооруп калган турбайбы, алып эле отурасың, жакшы карабайт белең капырай, - деп ичин ушалап көпкө отурду эле баланын ыйлаганы басылып калды.

- Апа, баланы сиз эле алып отура бериңизчи, мен иштерди жасайын, - деп Шайыркүл дасторкон жайып кирди, - Кел Салия отур, апамдын деле курсагы ачты чай ичели.

- Мен жардам берейин…

- Жок, отура бер, баары даяр эле, - Шайыркүл шыпылдай даярдап кечки тамакты жылытып келе калды, Асылбү унчукпай калды, шыпылдап, кайненесинин алдына тамакты коюп, чыныга чай куюп сунуп лепилдеп жатты. Көзүнүн кыйыгы менен карап бирок унчукпай тим болуп ичип отурду, аны акырын караган Салия өзүнчө жылмайып алды: "Акемди эмес эле өзүн кошо имерип алганын билбейт байкуш апам, өзүнчө сүйлөгөнү менен көзүнчө унчукпай калат тура", - деп ойлоп жатты. Салия өзү Шайыркүл менен жакшы, кээде сырдашып калат, отуруп-отуруп ал кеткенден кийин Шайыркүл өзү ишин жасап кайненесине баланы берип койгон, бир кезде небересин уктатып коюп сыртка чыккан Асылбү:

- Ботом, эшиктин алдын шыпырып койсоң болбойбу? - деди атайын жини келип.

- Ошого колум бошоп жатабы апа, бүтүп алып анан шыпырам.

- Дегеле сөзүң өткүр боло баштады да, баламдын башын айлантып алдым деп ойлобо, сендейдин онун алып беремин балама, болсоң акыл эсиң менен келин бол!

- Апа, аракет кылып эле жатам го?

- Кана, келгениңден бери эмнени кыйратып ийдиңби?

- Сиз менен айтыша албайм, - деп ары карап кеткенде дарбаза ачылып Турусбек кирди:

- Эмне болду апа?

- Эмне болмок эле, келин алып жарыбадым, чуулган кылып эки элди бириктирбеген немени үйгө алып келип кутумду учурдуң, эми төрөдүм деп милдет кылат да турат.

- Бирдеме дедиби?

- Тили буудай кууруйт тим эле.

- Шайыр, бери келчи, - деп Турусбек ары жакта жүргөн аялын чакырды, ал келип туруп калды, - Сен апама эмне дедиң ыя, сүйлөбөй жүрбөйсүңбү!

- Эмне дедим, колум бошогондо шыпырайын дедим болгону.

- Эн-неңди урайын десе, - деп башка чаап ийди Турусбек, - Оозуңду басып жүр!

- Жооп бергеним күнөөбү?

- Тилиңди үзүп алам, - деп дагы уруп ийди, эмне болсоңор ошол болгула дегендей Асылбү ары басып кетти.

- Эмне кылдым, ушинтип кордогончо кетирип же өлтүрүп салчы деги, кылдан кыйкым табалбай эле турасыңар, жазамды өтөп бүтпөгөн болсом мени бошоткула! - деп Шайыр буулуга ыйлап жатып сүйлөп жатты.

- Тарт тилиңди! - деп Турусбек Шайыркүлдү чачынан алып сүйрөп үйгө алып кирди, - Сенин тилиңди кеспесемби, кеткиң келип калдыбы, кана айтчы, кетесиңби? - деп тепкилеп жатканда Асылбү кирип арасына түштү.

- Болду, катын урат десе ушунча да урат бекен, өлтүрөсүң кое бер! - деп Шайыркүлдү ары түртүп баласын сыртка алып чыгып кетти, - Болду, ал дагы бирөөнүн баласы, өлтүрүп коюп камалып кеткиң келип жатабы, андан көрө тынч аман эле кетирип жибер! - деди баласын тынчтандырам деген ойдо.

- Кетпейт, мен аны кетирем деп алган эмесмин.

- Анан эмнеге урасың ботом? - Эне уулун таңдана карады, - Анан эмне кыласың?

- Өлтүрөм! - деди Турусбек апасын карабай туруп.

- Ок, өлтүрөм дегениң эмнең кокуй, сурагы бар анын дагы.

- Көп болсо он жыл берет.

- Ок, каран гүн, кой антип айтпа.

- Эмне кылайын, кетирсем жагамбы апа, башка жакшы аял издейлиби, менин улам аял кетиргенимди каалайсыңбы деги, андан көрө өлтүрүп салып түрмөгө отурганым жакшы, - деген Турусбек ары көздөй басып кетти, Асылбү өзүнчө ойлонуп калды: "Балакет ба-ас, бул катынын кетире турган түрү жок го, кебетеси жакшы көрөт окшойт, бир балээнин ичинен чыкканча тим коеюн, өзү менен өзү болсунчу", - деп ойлонуп отуруп калды…

Советбек жумушунда иштеп жүрүп арадан дагы бир жыл өтүп кетти, Мирбек эки жарым жаш болуп такылдап басып, сүйлөп калды. Жазгүл туруктуу жумуш катары дагы эле багып жүрөт, мурункудан чоңое түшкөн. Жүрсүн келип-кеткен сайын негедир ошол жаш кыздан кызгана баштады. Анткени чоңое түшкөнгө Жазгүл татынакай болуп келе жаткан эле, бир күнү келип аны менен сүйлөшүп отуруп:

- Жазгүл, башка жумуш издеген жоксуңбу? - деди.

- Неге? - деди Жазгүл бае гана.

- Деги да, сен чоңоюп калган кыз болсоң, бойдок эркектин үйүндө иштөөдөн коркпойсуңбу? - Сырдуу жылмая карады.

- Эмнеге коркмок элем?

- Ата-энең барбы?

- Бар.

- Иштешеби?

- Ооба, базарга чыгышат.

- Сен аларга жардам бербейсиңби?

- Мен өзүмчө акча табам да.

- Акча табууну жакшы көрөсүңбү?

- Менимче акчаны эч ким жаман көрбөйт.

- Мен сени эки күндөн кийин бошотомун, ага чейин иштей бер, бирок менин айтканымды байкеге айтпагын макулбу?

- Макул, - деп Жазгүл Мирбекти алаксытып сыртка чыгып кетти, Жүрсүн Советбекти күтүп көпкө отурду, кечке маал келген Советбек менен Жүрсүн сыртка чыгышты.

- Мен сизди күтүп жүрө беремби? - деди Жүрсүн аста.

- Күтпө, сен дагы бактылуу болушуң керек.

- Муз жүрөк десе, мындан ары мен эч кайда кетпейм, ушул үйдө жашайм, айтыңызчы бармак басымдай да жылуулук жокпу мага деген, неге мынча мисирейесиз, же кыз башым менен сүйүүмдү ачыкка чыгарганым сизге өөн учурадыбы?

- Жүрсүн, мен сенден баш тартпайм, сени ата-энең мага бербесин билип турам, сенин сүйүүңө кабылып, жооп кылып алып сени менен бирге күйүүгө даярмын, бирок сени уят кылгым келбейт Жүрсүн.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, бирок…

- Эмне бирок?

- Мен…

- Мен эртең айылга барам дагы сага турмушка чыгаарымды айтам, эгерде алар каршы болсо мен өзүмдү өлтүрөм!

- Жүрсүн, акылга кел сүйлөшөлү.

- Эмне деп ата-энең бербейт, биз бирге боло албайбыз деппи? - Кыз ызалуу унчукту.

- Жок, токтой тур, мен оюмду айтайын.

- Угуп жатам, - Жүрсүн аны тиктеп маңдайына туруп калды.

- Мен макулмун, сенин ата-энеңдин алдына киши жиберейин, сен мен айткан күнү ошол жакта бол.

- Чынбы, менин колумду сурап барасызбы?

- Ооба, бир өлүмдөн башканын эртеси жакшы.

- Ур-ре! - деп Жүрсүн так секире Советбекти кучактап эки бетинен өөп-өөп алды, - Чындап эле барасыңарбы?

- Сага качан калп айттым эле?

- Билем, калп айтпайсыз, бирок ишене албай турам.

- Биз барганда атаңдар каршы болсо сен бүтүрөсүңбү?

- Сөзсүз, калганын мага кое бер.

- Болуптур анда, эртең мен айылга барып байкемдерге кеңешем, керектүүнүн баарын жасайбыз, кыскасы сага сөйкө салабыз дагы кийинки жумада алып келебиз, буга кандай дейсиң?

- Жаным менен макулмун.

- Анда болду, мен камынайын, - деди Советбек ойлуу. Жүрсүн экөө коштошуп эки бөлүнүштү. Кыз жүрөгү делбирей учуп күйүп кетип жатты, күн батаарына аз калган эле, аялдамага келип унаа күтүп турганда:

- Чоң кыз кандайсың? - деген үн артынан угулду.

- Сен… - деп бурула берген кыз ага карап калды, ал Адеп болчу.

- Ооба, бактылуусуң го?

- Абдан бактылуумун, өзүң кайдан?

- Сени издеп.

- Неге издедиң?

- Көргүм келди да, сен эмнеге бактылуусуң Жүрсүн?

- Жигитим жакында сырга салып колумду сурамак болду, бактылуу боло турган иш бекен?

- Жакшы экен, мен кечигим калдымбы?

- Эмне, эмнеден кечиктиң?

- Сага жолугуп…

- Айтпайсыңбы?

- Жүрсүн, сени бир көргөндө сүйүп калганымды кантип түшүндүрө алам, ишенбейсиң го?

- Андай сөздү уккум дагы келбейт, жигитим бар, - деген Жүрсүн келип калган маршруткага отуруп кете берди. Адеп аны карап калды: "Жо-ок, мен сени башкага бербейм, сен меники гана болушуң керек, менин сенден калгым келбейт", - деп ойлонуп атасынын бир тууганына чирене үйүн көздөй жөнөдү. Жогорку сотто иштеген атасы Алыкулдун бир тууган инисине чиренип келип эле атасына минтти.

- Ата, мен үйлөнөм.

- Эмне, кызың барбы?

- Бар, бирок ал…

- Эмне бирок?

- Ал мага болбой жатат, ала качса Кадыркул акем жардам берет да туурабы?

- Ой акмак, кыз менен сүйлөшө албай анан акеңден жардам күтөсүңбү? - Алыкул уулуна ачуулана карады.

- Эми ал кыз ошентет да ата, мен аны албасам өмүрү үйлөнбөйм, - деп Адеп жер карады.

- Ата, мен аны сүйөм!

- Ат-таңдын оозугурайын десе, чүйөм деп коет дагы, өзүңдү сүйдүрө албасаң эмнеге басып жүрөсүң?

- Жаңы эле таанышкам да, акем ата-энесине сүйлөшсө эле баары жайында болот.

- Эй бала, сен келжиребей кыздын кайдан экенин билгин, ата-энеси кандай кишилер, баарын үч күндүн ичинде билип кел, анан сүйлөшөбүз, - деди Алыкул баласына карай.

- Болду ата, мен билип келем, - Адеп кубанычтуу бөлмөсүнө кирип кетти, ал толкундана Жүрсүндү көз алдына келтирип жатып калды: "Сен меники болосуң, сени мен бактылуу кылам, бактылуу болгонуңда мени сүйбөгөнүңдү көрөм, өзүң эле жабышып каласың, сүйгөнүм бар дегенди унутуп байлыктын кандай таттуу экенин көрүп унчукпай турган болосуң, шашпа көгүчкөнүм", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Эртеси окуу жайга барып Жүрсүндү аңдып турду да ал көрүнгөндө жанына жетти:

- Кандайсың Жүрсүн?

- Жакшы, - Кыз аны карабай жооп берип басып баратты.

- Жүрсүн, токтой турсаң.

- Убактым жок.

- Он мүнөткө.

- Айт, айтаарыңды.

- Кай жерден болосуң?

- Көлдөн.

- Ой чын элеби, кайсы жеринен, биздин туугандарыбыз дагы Көлдүн Тоң районунда жашашат, - деп калп айтып ийди.

- Ким деген? - Жүрсүн көңүл бура карап калды.

- Арстанбек, Алтынбек, Акылбек дегендер, - Адеп оозуна келген ысымдарды айта салды.

- Мен андайларды билбейт экенмин, Тоң аябай чоң район да, - деди Жүрсүн.

- Сен дагы Тоңдон болосуңбу?

- Ооба, бирок мен тааныбайм.

- Ата-энеңдер Тоңдо турабы?

- Ооба.

- Бир туугандарыңчы?

- Бир эжем шаарда турат, эки кызбыз.

- Жакшы экен, сен анда эрке кыз турбайсыңбы?

- Ошондой, айтаар сөзүң бүттүбү?

- Рахмат, жүрү мен жеткирип коеюн.

- Жок, мен азыр башка жакка барам, - деп Жүрсүн басып кетти, Адеп унчукпай кала берди. Анан шашыла атасына жөнөдү. Келип эле кубанычтуу.

- Ата, кыздын дареги Ысык-Көлдүн Тоң районуна экен, - деди Адеп.

- Азамат, ата-энеси бар бекен?

- Ооба, эки кыз бир тууган экен, эжеси шаарда турат деди, иши кылса өзү Арабаевада окуйт.

- Болду, ата-энесинин атын сурадыңбы?

- Жок.

- Башы жок десе, аты-жөнүн билбей кантип барабыз ыя? - деди ачуулуу Алыкул. Ата-бала өздөрүнчө кыжылдашып отуруп анан бир чечимге келишти. Жүрсүндүн атасы Зарылбек алтымыштардан ашкан айылдын эстүү-баштуу карыларынан, кезинде совхоз-колхоздордо башкарма, бухгалтер болуп жүргөн адам. Апасы Алтынбүбү мектепте мугалим болуп иштеп пенсияга чыккан, нарк-насилдүү аял. Жашоолору абдан жакшы, инисинин бир баласын багып алышкан, ал али мектепте окуйт. Залкарды багаарда Зарылбек менен Алтынбүбү көпкө кеңешип анан чечишкен:

- Заке, - деди Алтынбүбү, - Кыз туудум, уулду кудайым бербеди, кудайга шүгүр колубузда бар, Гүлсүндүн балдарынын биринчисин эле багалы, тапкан ташыганыбыз ошолордо калат, үйдүн коломтосунан от өчүрбөйт.

- Алтын, аларды жээн дейт, бул айылда турса жээн деп кодулашат, кыз-күйөөбүз ошону үчүн жаман жакшы айтышат, аларга энчи бөлүп беребиз, канткен менен өзүбүздүн тууган уругубуз, бир жатындан чыкканбыз, сен мени түшүн Алтын.

- Өзүң бил Заке, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, дегендей аргабыз канча? - деп улутунуп отуруп калган, андан бери жети жыл өттү, Залкар бешинчи класста окуйт. Ошол күнү Жүрсүн келди, ата-эне үйрүлүп түшө, башынан суу айлантып чачып тосуп алышты.

- Кызым, жөн жай эле келдиңби, окууңду канттиң? - деди Зарылбек кызына кайрылып.

- Ата, эки-үч күнгө жооп сурап келдим, башым ооруп жүрөт.

- Мейли кызым, эс алып ал, - деп тим болду, арадан үч-төрт күн өткөндө алардын эшигине жаңы маркадагы Лексус унаадан үчөө келип токтоду, терезеден көргөн Жүрсүн: "Советбектин туугандары ушунчалык бай турат экен да", - деп Советбекти түшүп жаткан адамдардын арасынан издеп жатып Адепти көрүп селдээ түштү: "Бул эмне кылып жүрөт, бул Советбектин инилеринен болсо керек", - деп кайра эле Советбекти издей берди.

Бир кезде Алтынбүбү кирип:

- Кызым, куда түшүп адамдар келиптир да, тааныйсыңбы? - деди.

- Куда түшкөнү келсе келгендир да.

- Капырай, өзүң каалаганың болбосо деле макулсуңбу?

- Апа, келген адамдарды киргизе бергиле, көрөбүз да, - деп Жүрсүн артына өрүп таштап койгон чачын түйүп кийинип кирди: "Советбектерге эмне болду, артынан келеттир", - деп ойлоп алат. Коноктор кирип конок бөлмөдөн орун алгандан кийин Кадыркул сөз баштады:

- Аксакал, кызы бар үйгө жуучу, карызы бар үйгө доочу келет деген, сиздерде кыз, бизде уул бар экен, салт экен, ата салтын улап кулдук уруп куда бололу деп келип калдык, - деди, - Мен баланын атасы менен бир тууганмын, атым Кадыркул, агамдын аты Алыкул, а булар биздин туугандарыбыз, күйөө бала болчу жигит бул, аты Адеп.

- Кадыркул иним, - деди Зарылбек, - Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер дейт, бирок кыз менен бала бири-бирин билеби, жактырабы кеп ошондо, эгерде кызыбыздын көөнүнө жаккан болсо биз каршы эмеспиз, - дегенде сырттан Залкар кирди:

- Ата, эшикте дагы кишилер келе жатат!

- Кимдер экен уулум?

- Билбейм, - деп артын карай берген Кубатбек менен анын жакын туугандары Арстаналы, эки аял менен бирге Советбек кирип келди, алар келип токтогондо Жүрсүн көрбөй жасанып жаткан.

- Келиңиздер, - деп Зарылбек тура калып конокторду өйдө өткөрдү, - Биз сиздерди билбейт экенбиз.

- Сиздерде жакшылык болуп жаткан көрүнөт, биз дагы жакшы иш менен келдик, жай отуруп жакшылап сүйлөшөлү, - деди Кубатбек, кийинки конокту мурунку конок сүйбөйт дегендей Алыкулдар аларды жактыра беришпеди.

- Келгениңиздер жакшы, адам адам менен эмеспи.

- Мүмкүн болсо тоскоол болбой сыртта күтүп турсак кандай болоор экен? - деди Арыстаналы.

- Жок-жок, чогуу чараан эле отура бериңиздер, биерде жашыра тургандай эч нерсе жок, - деди Зарылбек, дасторкондо баары бар, Алтынбүбү чай куюп кыдырата сунуп отурду.

- Зарылбек ага, мүмкүн болсо биз кызды көрсөк, - деди Кадыркул чирене бөйрөгүн таяна.

- Кызды көргөндөй буюм эмес, адегенде бала менен сүйлөшкөн бекен ошону угалы, - деди Алтынбүбү.

- Адеп, сен өзүң айтчы, кыз менен сүйлөшүп жүрдүң беле?

- Мен…

- Жок! - деп Жүрсүн баарын түшүнгөндөн кийин чыга калды, - Мен аны билбейм дагы, балаңарды мен тааныбайм!

- Жүрсүн.

- Карап койсо күлдү деп, сүйлөп койсо өптү деп делөөрүгөн неме экенсиң, мен сени артымдан түшпөгүн дегеним кана?

- Кызым, - деди Алыкул, - Мейли, ал айтканың туурадыр, менин уулумдун күнөөсү сени жактырып калганыбы?

- Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген, мен бул кишилерди күткөмүн, мени кечирип коюңуздар, жакшылыкча эле өз жолуңуздар менен болгонуңуздар оң, жакшы барыңыздар! - деди да бурулуп кирип кетти.

- Кечиресиздер, биз кетели, чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат болбойлу, - деп Кадыркул ачуусу келгендей ордунан туруп агасын карады, - Кеттик жүргүлө.

- Кетели, - деп Алыкул Зарылбекти карады, - Бизди кечирип койгула, туз насип буйруганы болоор, жакшы калгыла, - деди да тез-тез басып чыгып кетишти. Советбек кара костюм шым кийип, галстук тагынып алган, зыңкыйган жигит, тигилерди узатып кирген соң алар чогуу-чараан сүйлөшүп отурушту. Ата-энеси бир аз каршы болду эле Жүрсүн аларга моюн бербеди, кыскасы өз тилегине жетип ошол күнү сөйкө салынды. Кийинки жумада келип кол менен алып кетмек болуп кайтышты, муну угуп Гүлсүн сиңдисине ачууланды:

- Акыл-эсиң жайындабы, анын баласы бар, аял кетирген, сенден эмес менден дагы улуу, атамдар анын баласын укса сени ага бербейт.

- Эмнеге эже, мен Советбекти сүйөм!

- Баласын кантесиң?

- Багып алам.

- Башы жок десе, акылыңдан айныпсың.

- Жо-ок эжекебайым, - Жүрсүн эжесин кучактап алды, - Мен айныган жокмун, болгону сүйүп калдым.

- Сүйлөбө, - Гүлсүн сиңдисин түртүп ийди, - Бүгүндөн ары мени эже дебе, менин сендей бир тууганым жок!

- Эже!

- Болду! - деп Гүлсүн сиңдисин карабай чыгып кетти, Каныбек келип калып Гүлсүндү тынчтандырды, түшүндүрдү баарын, Жүрсүн ыйлап отурду эле аргасыз келип кайра жанына отурду, - Жүрсүн, мен сага жамандык каалабайм, өзүң ойлосоң, сенден бир топ улуу болсо. Баласы дагы бар, карапайым жумушчу, сен жашсың, өзүң теңдүүгө чыгышың керек, кызматчы абройлуу күйөөгө барганың жакшы го?

- Эжеке, мени кечирчи, Советбекти мен өзүм сүйөм, аны үйгө барууга мен көндүрдүм, болбосо өлөөрүмдү айттым эже.

- Неге, ошончолук эле катуу сүйдүңбү тентек?

- Айтпаңыз, аябай сүйөм эже.

- Айланаңда өзүң теңдүүлөр толуп жатса сен ошону гана көргөн экенсиң да, айла канча, бактылуу бол бир боорум, - деп Гүлсүн сиңдисин кучактап алып ойлуу отуруп калды, - Апам кантти экен, жүрөгү сыздап жатат го, тура иш кылбадың атам дагы капалангандыр?

- Атам өзү макулдугун берди, апам дагы, силерди чакырбаганыма кечирип койчу эжеке.

- Макул эми, сенде эмне айып? - Гүлсүн оор дем алып алды. Эже сиңди көпкө отурушту, анан тиричиликке киришишти, эртеси эле Алтынбүбү келди.

- Кызым, Жүрсүн кандай жүрөт?

- Жакшы эле, окуусуна барып жатат.

- Аны күйөөгө узатабыз, Каныбек экөөңөр барбай калдыңар, туура болдубу же туура эмеспи билбейм, - деп Алтынбүбү баарын айтып берди, - Чунак кыз, ошол баланы эле тандаса болмок экен, өзү теңдүү жигитти карабай анан ошону каалады, абдан бай турушат экен, баланын атасынын иниси кызматта отурат окшойт, кычырайт тим эле, ошондой адамдардын шагын сындырды.

- Апа, өз көңүлүнө жакканын кылсын, бактылуу болсо болду да.

- Сен дагы макул экенсиң го, атаңа болсо ал жагып калыптыр, ал күйөө бала болчу жигит жакты деп жатпайбы?

- Чын элеби?

- Калп айтып эмне кара жаныма күч келди дейсиңби?

- Апа, кызыңа канча айтсам дагы болбойт, өзүм сүйөм деп койду, өзү билсин эми, бактылуу болсо болду да.

- Ошол да, эми себин даярдайлы, мен ошого келдим, кийинки жумада келип алып кетебиз деди, - Алтынбүбү ойлуу унчукпай калды, - Жашы жыйырмага чыгып калды, тийсе тийсин, жашында бала-чакалуу болуп калганы жакшы эмеспи.

- Мейли, менимче Советбек деле жакшы бала, ичпейт, чекпейт, жакшы табат, болгону жетим бала экен, баккан агасы жакшы карайт имиш, айылда заңгыраган үй жайы бар экен, биерден дагы эки бөлмө үй алды жакында, - деди Гүлсүн, апасынын көңүлүн жайгармакка. Алар даярданып жатканда Советбек айылга барып үйүнүн ичи тышын оңдотуп, ар бир бөлмөлөрүнө диван креслолордон коюп килемдерди илип жасап түзөтүп, жууркан төшөгүнүн Жийдеге жаңылатып камынып, Мирбекти таштап шаарга келди. Жумушунан жооп сурап алган, келип экинчи күнү бара жатса аны эки милиция кармап алды.

- Сиз биз менен жүрүңүз, - деди бири.

- Эмнеге, мен жумушка бара жаттым эле.

- Жүр дегенден кийин жүрбөйсүңбү, - деди бири орой.

- Мен эмнеге барам, кылмышым болбосо жөн эле бара беремби жигит, бекерчи эмесмин, жумушум бар, - деди Советбек жини келе.

- Кылмышың жокпу, андай болсо кайра эле келесиң, сени эч ким кармабайт, документ текшерип жатабыз, - деп бири ага жакындай колтуктан алды, эч нерседен капарсыз Советбек байкаган жок, анын чөнтөгүнө акырын бир нерсени салганын.

- Текшерсеңер текшергиле, ушул жерден эле көргөзөм, - деп төш чөнтөгүнөн документтин алып көрсөткөндө:

- Айттым го, барып кайра эле кетесиң, убакытты кетиргенде эмне, - деп акырын айтканда Советбек: "Акыйлашканда эмне барса барып кайра кайтам да", - деп аларды ээрчий бөлүмгө келди. Бир аз документтерин карап көргөн начальник ага көзүнүн төбөсү менен карады:

- Сенде подозрения бар, сени наркотик менен шугулданат дешти го?

- Ким айтат, наркотикти укканым менен көрө элекмин.

- Кара кийим-кечесин, - деди аны алып келген экөөнүн бирине, ал келип чөнтөктөрүн тинтип жатып жанараак эле өзү сала койгон түйүнчөктү алып чыкты:

- Мына бул бар экен.

- Алып кел!

- Мына, - деп үстөл үстүнө койгондо начальник аны алып жыттап көрүп:

- Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат деген экен, муну мен салдымбы чөнтөгүңө? - деди ордунан туруп, - Неге калп айтасың, дагы канча бар үйүңдө?

- Бул силердин колуңардан келди, мен кармап көрбөгөн буюм чөнтөгүмө кайдан түшмөк эле? - деди жини келген Советбек тура калып начальнике ызырына, - Мени кармоого ким буйрук берди, билсем болобу?

- Жап оозуңду, кимдин буйругу керек эле сага? - деп ичке муштуму менен бир койду эле Советбек ийриле ичин басып калды, - Өз күнөөңдү сезбей кимден көргүң келет, алып кеткиле, биринчи камерега!

- Мен өз оокатымды өзүм кылып жүргөн адаммын, менде кимдин өчү бар экен, ак жерден кармаганыңар үчүн жооп бересиңер, мен дагы жөн жатпайым! - деп Советбек эки милициянын жетегинде кыйкырып баратты, - Күнөөсүздөргө күнөө такканыңар үчүн жооп берээриңди билбей, кудайды көзүңөргө илбей көпкөнсүңөр!

- Болду кыйкырба! - деп бири аны дагы ичке муштады.

- Эмне кылып аласыңар, ансыз дагы мен күнөөсүзмүн.

- Болду деп жатам, - деп камеранын эшигин ачып аны түртүп ийип бекитип коюп басып кетишти. Советбек эмне кылаар айласын таппай көпкө отурду да бир милицияга кайрылды:

- Тууган, мен начальнигиме чалып алайынчы.

- Болбойт.

- Кыргызбыз го, менин биякта экенимди айтышым керек.

- Жарайт, - деп ага уруксат берди. Телефон чалгандан эки саат өтпөй начальниги келди.

- Ой сага эмне болду?

- Билбейм, - деген Советбек болгонун айтып берди, - Өзүм дагы таңгалып калдым, ойдо жок жерден рейд жүрүп жатат деп кармап келип камап койду.

- Кабатырланба, мен өзүм сүрүштүрөм, бир-эки күндө сени алып чыгамын, - деди начальниги Турганбаев Болсунбек.

- Макул, сизге ишенем байке, балам агамдын үйүндө калды, мен барбасам болбойт.

- Түшүнөм, чыдай тур, - деди да чыгып кетти, бир кезде эки милиционер келип Советбекти суракка алып барышты.

- Кана, качантан бери бул иш менен алектенесиң? - деп тергөөчү Касым Бурканов маңдайына отурду, - Айтпайсыңбы, сүйлөөдөн калдың беле?

- Мен эчтеке билбейм, эч качан бул иш менен иштеген эмесмин.

- Эмне, меникиби анан табылган наркотик? - деп башка бир чаап жиберди, - Жаныңды жебей чыныңды айт!

- Эчтеке билбейм.

- Мына сага! - деп ичке муштап-муштап жиберди, - Бандиттериң кайда, кимдер менен иштешесиң?

- Мен иштебейм, билбейм эчтекени.

- Калп, эки мүнөттө айттырам сени, - деп тээп-тээп жиберди, баштары канап, ичин кармалап бүрүшүп жатып калды, - Өлтүрсөң дагы эчтеке билбейм.

- Айта-асың, кимдер менен иштешип, канча адамдарга зыян келтиргениңди билесиңби? - деп дагы ичке тепкенде ал бакырып жиберди. Советбек оозунан кан чыга түшүп эсин жоготуп жатып калганда аны экөө сүйрөп камерага алып барып таштап кулпулап коюшту. Күндө ошентип сурап, сабап кайра киргизип коюшуп үч-төрт күн өтүп кетти, аны угуп Кубатбек менен Болсунбек тиешелүү жерлерге арызданышты. Бирок эч натыйжа болбой Советбектин абалы оорлой баштады, Жүрсүн аны укпай өзүн алып кетээр күндү күтүп сабагына барат да кайра Советбектин үйүнө келип таппай кетип жатты, анын артында жүргөн Адеп бир күнү дагы кармап алды:

- Сулуу кыз, тоюң качан? - деди ал мылжыя.

- Ишиң болбосун.

- Неге, мага конкурент болгон жигитиңдин бактылуу болгонун көргүм келди, - Адеп кызга жакындай келип, - Баса сенин жигитиңдин наркотик менен кармалганын уктум го? - деди сынай.

- Эмне, кандай наркотик?

- Мен кайдан билем, ошондой иш менен алектенет экен да, крутой болсо керек ээ?

- Оозуңду жапчу акмак, ал андай эмес, жогол көзүмө көрүнбөй, - деп Жүрсүн тездей басып баратканда аны карыдан кармап калды:

- Андай немени эмне кыласың, менин деле байлыгым бар, андай арам жол менен табылган эмес, үстү башыңды алтынга ороп коем, - деди бекем кармап, - Мага эле тийип алсаңчы.

- Кое бер деп жатам, сага тиймек турсун жаныңа жолобойм! - деп колун бошотууга аракеттенгени менен ал кое бербей катуу кармап алды.

- Үйүңдөн алып кетебиз, мени эле тандасаңчы Жүрсүн.

- Кое бер дейм, азыр милицияга берип салам.

- Милиция менин атымды укканда өздөрү кое берет, сен андан көрө макул болсоңчу, - деп болбой эле эки карысынан бекем кармап алды, жулунган кыздын үнүнөн өтүп бараткан адам токтой калды:

- Ой жигит, кое бер кызды!

- Барчы ары!

- Тартипсиз, кое бер азыр, милиция чакырам, - деп чоочун адам Адептин колун тартып Жүрсүндү бошотту, - көргүлүгүңдү көрө элегиңде жогол азыр.

- Ээй чал, сенин кандай ишиң бар? - деп ага керсейип уруп иймекчи болуп калганда:

- Сыйың менен бол, милицияга өзүм күбө болуп каматып жиберем.

- Ээ-хей старик, милиция менин чөнтөгүмдө, кимиси болсо да менин чөнтөгүмө көз каранды.

- Сизге рахмат, теңелбей эле коюңуз, - деп Жүрсүн ал кишинин колун кармап калды, - Өзүм берем, колдорумдун баары көгөрүп калды, муну өзүм да жөн койбойм.

- Бирок, эчтеке чыгара албайсың го? - деп мазактай күлүп басып кетти, Жүрсүн дароо эле ооруканага барды да денесинин көгөргөндөрүн көрсөтүп, справка алып жатты, анын эки карысы чындап эле көпкөк болуп калган экен. Ошол эле күнү Адептин үстүнөн арыз жазып таштап экспертизанын кагазын тиркеп койду. Адепти алып келип камерага киргизээри менен эле үйүнөн чалды.

Телефон чыр этери менен эле лейтенант Бакытбек Жуманов ала койду.

- Ало, сержант Жуманов угуп жатат, ооба-ооба, анын үстүнөн кызды зордуктаганга аракет кылганы үчүн арыз түштү, бирөөлөр ажыратып калган экен, кечиресиз Кадыркул Исаевич, болуптур-болуптур, кыздан кечирим сурашы керек, ошондон кийин гана бошотобуз, арызды жок кыла албайм, макул азырынча көрсөтпөй кое турам, - деди да башын кармап көпкө отурду, жанындагы сержант Али аны карап:

- Эмне болду, Алыкуловду бошотобузбу? - деди.

- Бошотуш керек, Исаевич буйрук берип жатат.

- Андай болсо бошотуш керек, каарына калбайлы.

- Ошондой кылбасак болбойт, барып чыгарып кел, - деди Бакытбек Жуманов.

- Жарайт, - деп сержант чыгып кетти, кечке жатканга зорго чыдаган Адеп кетип баратып:

- Менин атымды уккандан качып жүргүлө, - деп коюп жөнөй бергенде Каныбек, Гүлсүн менен Жүрсүн болуп кирип келишти, Адеп туруп калды.

- Эмнеге мындай зордукчуну кое бердиңер? - деп Жүрсүн лейтенантка кайрыла катуу сүйлөп кирди, - Бул биринчиси эмес, артымдан калбай канча жолу коркуткан, мен муну жөн койбоймун, эгерде сиздер арызымды карабасаңар бара турган жерге чейин кайрылам!

- Чоң кыз, камайбыз аны, жазасын алат, - деп тайсалдай түштү лейтенант Жуманов.

- Эмнеге кетип жатат, коргоочу деп биз силерге таянсак силер кайра минтип жатсаңар эл кантип ишенет? - деди Гүлсүн дагы, - Эмне ал манчыркаган манаптын баласыбы, окуйбу деги булар ыя, сабактан кечиксе ушуга окшогон маньяктардан коркуп күтүп отурат экенбиз да.

- Эже кечиресиз, бизде күнөө жок, бошот деди бошоттук, сиздерден кечирим сурашат го, өзүңүздөрчө сүйлөшсөңүздөр…

- Кереги жок, мына коркуп дагы калыптыр!

- Азыр чакырам, - деп лейтенант телефонду бурап кирди, - Алло-о, бул лейтенант Бакытбек Жуманов, Исаевич жанагы арыз ээси келип алып жаңжал салып жатат, ооба-ооба, Адеп дагы биерде, жарайт-жарайт, - деп трубканы койду дагы Гүлсүндөргө кайрылды, - Азыр өзү келет.

- Келсин, мындай зордукчул маньякты калкалаган кандай неме экен? - деди Гүлсүн, ошондо Адеп басып келди:

- Кечиргиле эже, мен Жүрсүндү сүйөм, жакында эле үйүнө ата-энемдер болуп барганбыз, менин жаман деле оюм болгон эмес, Жүрсүн туура эмес айтып жатат, мен сүйөөрүмдү эле айткамын, - деди башын жерге сала.

- Анын жигити бар экенин билип туруп эмнеге артынан жүрөсүң, сен каракчысың, жазаңды аласың, бутум жеткен жерге чейин барамын, атаң министр болсо дагы, дал сендейлердин күнү тууп элдин кутун учуруп, ишенимин жоготуп жатышат!

- Кечиргиле эже, мен андай деле… - деп келе жатканда сырттан Алыкул менен Кадыркул кирип келди, Адеп ары басып кетип туруп калды.

- Жүргүлө кыздар, ичкери кирип сүйлөшөлү, - деди Кадыркул аларга карай.

- Ушул жерден айтыңыз, - деди Жүрсүн тикирээ тиктеп, анткени ал тааный койду.

- Койгула кыздар, акмак акмактык кылыптыр, ызаланып жатса керек, өзүң билесиң үйүңөргө барганда баш тартып койгонсуң, - деди Кадыркул сырдуу жылмая, - Жай отуруп сөзгө келели.

- Кирсе кирели, - деди Гүлсүн, ээрчише чоң кабинетке кирип орун алышты, - Сизди угуп жатабыз.

- Кыздар, кыргыздыкы кырк жылда деген, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деп айтышат, биз барып кечирим сураганча озунуп кетипсиңер, элибизде бир жакшы сөздөр бар, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген, чоң айып кылыптыр, анын айыбы үчүн атасы экөөбүз кечирим сурайбыз, - деди керсейе, үстөлгө өбөктөй отурду.

- Эмне дегиңиз бар? - деди Гүлсүн.

- Мындай сүйлөшөлү, бүгүн үйүңөргө баргыла, эртең Адепти алып барып кечирим сурап ишти бүтүрөлү.

- Жок, мен арызымды албайм, - деди Жүрсүн.

- Кой кызым, адам кечиримдүү болгону жакшы.

- Мен кечире албайм, жеке турмушума кийлигишип, өмүрүмө коркунуч туудурган адам жазасын алышы керек.

- Кызым, биринчиден азыр сенин ден-соолугуңа оор жаракат түшкөн эмес, зордуктоо болгон жок, экинчиден Адеп мурда соттолгон эмес, көп болсо эки жыл берет, андан көрө жакшылап сүйлөшөлү, муну мен тарбиялайм, экинчи мындай ишке барбайт, - деп Кадыркул кызды тиктеп калды.

- Андай болсо менин бир шартым бар.

- Айта бер кызым.

- Азимбеков Советбекти бошотушсун, анан арызымды алам.

- Ал ким кызым, анда кандай тиешебиз бар? - Кадыркул кызды эчтеке билбегендей карады.

- Сиздер билесиздер, Адеп айткан, - деп Жүрсүн тайманбай айтты.

Кадыркул унчукпай Адепти бир карап койду да лейтенантка кайрылды:

- Бул акматы камагыла! - деди да унчукпай чыгып кетти, Гүлсүндөр арызын тактап коюп анан кетишти, Жүрсүн Советбектин иштеген жерине чейин барып ал жөнүндө мүнөздөмөлөрдү алды, айылынан Кубатбек справкаларды алып келип, Советбектин эч кандай нарко бизнеске катышы жок экенин далилдеп он чакты күн бөлүмдөн кетпей коюшту. Эгерде бошотпосо жогорку сотторго кайрыларын айтып талап коюп туруп алышты. Жүрсүн Адепке жолугуп анын сырын тартып көргүсү келди, жолукмак болгонуна Адеп аябай кубанып кетти, анткени үйүнө келишип чоң суммадагы акча сунуштаганда дагы болбой койгон.

- Салам сулуу кыз, - деп болжогон жерге эрте келип күтүп турган Жүрсүнгө колун сунду Адеп.

- Салам, эмнеге бактылуусуң? - Жүрсүн колун бербей жек көрө карап суроо узатты.

- Сенин жолугууга чакырганыңа кубанычтуумун.

- Ушу сен мени чындап эле сүйөсүңбү?

- Жаным менен сүйөм.

- Үйлөнүүгө даярсыңбы?

- Албетте.

- Анда угуп тур, сенин агаңдын колунда бийлик дагы, байлык дагы бар экен, үйлөп койсо алсыздар учуп кетип гүл болоору айдан ачык, мен сага тийем, бир гана шарт менен, - деп сөөмөйүн чычайта карады Жүрсүн.

- Кандай шарт болсо да макулмун.

- Сен Советбекти бошоттурасың, анын күнөөсүз экенин далилдеген кагаз менен үйүнө чыгар, анан мен сага тийем.

- Жүрсүн, ал менин колумдан келбейт.

- Андай болсо сен дагы эркиндикте жүрүүгө акың жок, мен сени күнөөлүү деп өзүмдү-өзүм өлтүрөмүн!

- Жүрсүн, андай дебечи, акеме айтып көрөйүн, - деп Адеп тайсалдай түштү, - Чыны мен билбейм.

- Жаныңды жебе, эгерде мага үйлөнгүң келсе, бошоттурасың, - деп Жүрсүн бир нерсе ойлоно калып өзүнүн колдорун тиштегилеп, башын жөлөнүп турган темирге ургулай баштады.

- Жүрсүн эмне болуп жатасың, болуптур айтканыңдай болсун, мен барайын, - деп чыйпылыктай кызды кармап токтотмок болду эле:

- Жолобо мага, сендей акмак үчүн өзүмдү өлтүрөмбү, андан көрө дал ушинтип сени кайра арыз жазып каматамын, эркиндикте жүрө берем деп ойлобо! - деп бакырды.

- Жүрсүн, бул эмне дегениң, мен сен үчүн баарын жасайм, минтип жаныңды кыйнабачы.

- Менин жан дүйнөмдү жабыркатып, моралдык зыян келтиргениң үчүн дагы жооп бересиң! - деди көзүнүн жашын куюлта Жүрсүн.

- Болуптур, сен эмне десең ошол болсун, - деп Адеп машинасына отуруп жөнөп кетти. Жүрсүн өзүнчө ойлонуп алды: "Демек бийликке таянып күнөөсүз адамды күнөөлөп көнгөн, мен сага көрсөтпөсөмбү, Советбекти бошотуп аламын", - деп ага жолугушууга тамак-аш алып барды. Бир аздан кийин Советбек экөө сүйлөшүп отурушту.

- Мен сени куткарып аламын, мунун үстүндө ким турганын билем, - деди Жүрсүн, анан Советбектин өзүн канчалык сүйөөрүн билгиси келип ага тигиле карады, - Сени куткаруу үчүн Адепке макул болдум, эмнеси болсо дагы сен мен үчүн азап тартпашың керек.

- Ал эмне дегениң Жүрсүн, мен сен үчүн баарына даярмын, ата-энеңдин макулдугун алган соң сенден кечпейм, сен андай кылба, - деди колунан кармай.

- Мен муну сен үчүн жасап жатам, сенин жабыр тартканыңды көргүм келбейт, эч кандай күнөөң жок туруп камалып отурганыңа жол бербейм Советбек.

- Сен үчүн камалсам да макулмун, алар өз жазасын алышат, кудайдын көзү түз болсо баары бир менин күнөөсүз экеним далилденет, сен өзүңдү антип чөктүрбө, эгерде сен антсең мен чыныгы күнөөкөр болуп түрмөгө кетем.

- Совет, балаң үчүн дагы чыгышың керек, ага сенин аталык мээримиң керек уктуңбу?

- Билем, мен деле ата-энесиз өстүм, ал деле чоңоет, эгерде сен сөзүңдөн кайтпасаң ушул жактан кылмыш жасоого аракет кылам, - Советбек кызды көзүнө тике карап өзүнө тартты, - Кана, сөзүңдү кайра аласыңбы?

- Тамаша кылдым, өлсөм дагы ага макул болбосмун, сенин мага деген сүйүүңдү билгим келген, - деп кыз жигитти өөп жиберди, - Мага сенсиз жашоо жок жа-аным.

- Ушунча да тамаша кыласыңбы, же менин сүйүүмө ишенбейсиңби?

- Ишенем, ошентсе дагы билгим келди, өз оозуңдан мага деген сүйүүңдү угуп, жүрөгүм менен сезгим келди.

- Убактыңар бүттү, - деди милиция аларга, экөө аргасыз коштошушту, Жүрсүн ошол күнү арызына кайрылды. Али сыртта жүргөн Адепти каматууга аракетин жасап дагы арыз жазды. Эки күндөн кийин Жүрсүндү Кадыркул чакыртып алып кабинетинде сүйлөштү, эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз бир жума өткөндө Советбекти жаңылыш кармап алгандыгы үчүн кечирим сурап бошотуп жиберди, Жүрсүн өз арызын алды. Адеп ичинен кыжаалат болуп эми Советбек менен Жүрсүндүн үйлөнүүсүнө тоскоолдук жасамак болуп жатты, алар үйлөнмөк болуп жатышкан, үйүнө кат таштап кетти. Кат Жүрсүнгө эмес Советбектин колуна тийди. Мындайча жазылган эле: "Жүрсүн кандайсың, оюн жакшы бүттү ээ, сен өзү акылдуусуң да, сүйбөсөң дагы анын башын айлантып алдаганга жарадың, мен сени сүйөм Жүрсүн, биздин сүйүү эч качан эскирбейт. Эми дал ошол үйлөнүү күн келгенде бакыт үйүнүн алдынан лимузин менен тосуп алам, амалын таап келип каласың да? Сүйүүнүн кандай экенин ошондо билет тиги көк мээ. Сенин ойлоп тапкан амалың боюнча дагы бир жума камалып жатканда болмок, мейли эми, өз жашоосун өткөрө берсин. Мен сени күтөм Жүрсүн, туура саат он экиде, сенин сүйгөнүң Алеша", - деп кол коюп коюптур. Советбек катты катып койду, тойго эки күн калган, Жүрсүн кийим-кечесин тандап чачтарын жасатып убараланып Гүлсүн экөө дүкөн кыдырып жүрүштү. Советбектин туугандары келип чогулуп калышкан, алар үйлөнтүп эле айылга алып кетмек, тойду чоң кафеде өткөрө турган болушту. Шакек алганы алтын дүкөнүнө кирип чыккандан кийин Советбек Жүрсүнгө кайрылды.

- Жүрсүн, тойду бир күн кийинкиге калтырбайлыбы?

- Эмнеге, баары дайындалып калбадыбы.

- Мен бир күн кийинкиге калтыргым келет, - деди сынай карап, - Анда тогуздарда барып эрте кайталы.

- Эмнеге, чакыруу билетке саат он экиде деп жазылган эмеспи?

- Тойду токтотсокчу?

- Эмнеге токтотобуз?

- Деги да, той өткөрбөй эле кыргызча айылдан өткөрсөк деле болот да.

- Совет, сен каржыдан кыйналып жатсаң токтотолу, бирок коноктор чакырылып калбадыбы?

- Андай эмес, каржылоодон коркпойм, жетишет баарына, негедир корком, сени жоготуп аламбы деп корком.

- Коркконуң кандай, эмне болуп кетмек эле, үйлөнөбүз дагы сенин үйүңө кетебиз, бактылуу жашоо баштайбыз, - Жүрсүн көздөрүн ойноктото күлүп койду, узун чачын артына түйүп кооз заколканы тагып алганы өзүнө куп жарашып, кыз ушунчалык көркүнө чыгып, бактылуу жылмайды, - Мен сенин гана аялың болгум келет.

- Чын элеби, мени алдаган жоксуңбу Жүрсүн?

- Эмне, сен мага али ишенбейсиңби? - Кыз анын көздөрүнө тигилди, - Менин сага деген сүйүүм чексиз, эгерде өмүрдөн өтүп кайра жаралсам дагы да сени тандамакмын, - деди Советбектин төшүнө башын жөлөй, колу менен жүрөк тушун кармай, - Кантип мени түшүнбөйсүң, неге алигиче сүйөөрүмдөн шек санайсың?

- Макул Жүрсүн, жүрү үйгө кетели, сени дагы күтүп калышты, эртең саат тогузда мен өзүм барып алып кетем, даяр бол ээ? - Чекесинен өөп, кызга байкатпай сумкасына катты салып койду. Жүрсүн келгенде Алтынбүбү кызына жакын келип:

- Кызым, бактылуусуңбу садага? - деди аста.

- Ооба апаке, чексиз бактылуумун! - Жүрсүн апасын кучактап өпкүлөп жатты, - Мен бактылуумун апаке!

- Кудай кут кылсын кызым, жүзүңө көлөкө түшпөсө эле болду.

- Апа, кабатыр болбо, Совет мени капалантпайт, мени сүйөт апа, силер андан кабатыр болбогула, улуулугун баласы бар экенин ойлоп капа болбочу апаке, биздин ортобуздагы айрыма билинбейт дагы, ойлонбочу апа.

- Болуптур кызым, сенин бактылуу болгонуңа биз каршы эмеспиз, Гүлсүн экөөңөр бактылуу болуп, турмуштан орун алып кетсеңер биздин дагы бактыбыз эмеспи, алдагы карагат көздөрүңдөн жаш акпаса болду, жүрөгүңдө ар дайым күлкүнүн үрөөнү өссүн садага, - Алтынбүбү кызынын чекесинен өөп бөлмөдөн чыкты. Жүрсүн күзгүдө көпкө отурду, бир кезде сумкасынан бирдеме алмак болуп ачканда бүктөм баракка көзү түштү. Алып окуп алып: "Советбектен башка эч кимге жолукпадым, ошол салган экен го, Алеша деген ким болуп кетти, Адептин кылганы болуп жрбөсүн, ошол үчүн тойду токтотолу деген го", - деп ойлонуп алды. Азыр эле Советбекке жетип баргысы келди, бирок анын туугандары бар экенин билди, кыз кишинин түн катып эркектин артынан жүргөнүн туура эмес түшүнүп калышпасын деген ойдо отуруп калды: "Эч нерсе кыла албайт, тоскоолдук жасагысы келип жаткан окшойт, шашпа сени", - деп өзүнчө ойлонуп алды. Эртеси эртелеп баары даярданып турганда эки машина келип калды, бири лимузин эле, Зарылбектер өз машинасы менен жөнөштү, Жүрсүн чакырып койгон курбусу Адемини жолдон алып алышты. Бир кезде Жүрсүн курбусуна шыбырап калды, анын милиция агасы бар эле, ага жолдон чалып: "Алыкулов Адеп дегенди эки-үч саат кармап туруңуз", - деп чалып койду. Нурлан Адептин ким экенин билет, дароо эле эки сержантты алып айтылган жерге келип машинасы менен аңдып турган жеринен кармап кетти. Нурлан Бообеков чынчыл, өз ишине берилген, күнөөлүүнү - күнөөлүү, акты - ак кылып так текшерген жигит эле, Адепти эки-үч сааттай кармап, ар кайсыны сурап жатты:

- Сиз менин ким экенимди билесизби өзү? - деп Адеп Нурланга чекесин тырыштыра карады.

- Эң сонун билем, бирок өз ишимди андан да жакшыраак билем, эмнеге жол-жолдон ар кимге, айрыкча кыздарга тийишип мазактап жүрөсүң?

- Күбөң барбы? - деп керсейди Адеп.

- Күбө чекеден табылат, азыр эле чалышты, отуруп тур, арызданчулар келип калышат.

- Ал ким экен, менин эч кандай кылмышым жок.

- Аны азыр көрөбүз, - деп кагаздарын карап бирдемесин чиймелеп отуруп алды, ал карындашынын айтканын жасачу, болгону лейтенант деген чини бар, ишине так жүргөнү үчүн кээси жакшы караса, кээси көзүнүн төбөсү менен карап анын чынчылдыгын жактырбай келет.

- Мен үйүмө чалып алайынчы, - деди Адеп аргасы кетип.

- Болбойт, чыдап тур.

- Эмнеге кармап жатасыз, себепсиз кармаганыңыз үчүн жооп берип калбаңыз?

- Көрөбүз, - деп ручкасы менен үстөлдү такылдатып отурганда сырттан бир кыз менен аял киришти.

- Мына, мынакей апа, ушул менин жолумду тосуп коркуткан, - деп кыз Адепти көрсөткөндө ал кыйпычылыктап кетти:

- Эй кыз, акылың ордундабы, мен сени тааныбайм.

- Акмак десе, күндө менин артымдан түшүп алып үйгө чейин барасың, сабакка баргандан корком, - деп кыз Нурлан Бообековго кайрылды, - Мен арыз жазайын деп келгемин, мунун атын дагы билбейм, күндө сабактан чыкканда артымдан түшүп алат, мага бир нерсе боло турган болсо ушул жооп берет байке.

- Шашпай арызыңды жаз, - деп Нурлан ага кагаз ручка берди, кагаз жүзүндө арызды карайбыз, ооз эки эч нерсени бүтүрө албайбыз, болгонун болгондой жазыңыз.

- Айланайын, мындайларды тартипке чакырбасаңар болбойт, кызым быйыл он биринчи класста окуйт, үйүбүз жолдон алыс, ээн анан коркобуз да, көптөн бери эчтеке айтпай эле өзүнөн-өзү жаман болуп кетти, болбой алып келдим, - деп апасы дагы даттанып кирди.

- Тартипке салабыз эже, кабатыр болбоңуз, биз баарын текшеребиз, тартипке ата-энеси салбаса биз салабыз.

- Ошент айланайын, күндө үрпөңдөп жол карап отурабызбы, инисин жиберип жолун тособуз, тиричилигибиз дагы бар, - деди аял ыйламсырай, анын жупуну түрүнөн эле жетишсиз жашагандары көрүнүп турган. Жок жарды жашаган Адылбектин үй-бүлөөсү эле, аялы Гүлсара, кызынын аты Айпери, быйыл мектепти бүтүргөнү турат. Айпери жылдыздуу, узун бойлуу кыз. Аны бир көрүп калып Адеп Жүрсүндөн үмүтүн үзгөн соң анын артынан түшкөн. Унчуга албай турду Адеп. Айпери арызын жазып Нурланга берди:

- Мына байке, экинчи артымдан түшпөгүдөй болсун.

- Түшпөйт, кабатыр болбо.

- Рахмат, биз кетели, - деп энеси менен ээрчише чыгып кетти, Нурлан Адепке кайрылды:

- Сен анык маньяк окшойсуң ыя?

- Жок, андай эмес, сиз жаш болгон эмес белеңиз, жаштыкта болот экен да, туура эмес түшүнүп алды да, - деп жер карады Адеп.

- Эми бара бер арызың жөнүндө Кадыркул Исаевич менен сүйлөшөбүз, экинчи мындай кылбай жүр, - деди да өз ишине киришти, анткени эки-үч саат кармап туруңуз деген карындашынын сөзүн аткарды, калганын акырын өз ордуна коймок. Бул учурда Советбек менен Жүрсүн бакыт үйүнөн закска туруп анан кафени көздөй жөнөп калышкан. Адеп сыртка чыккандан кийин: "Менин жолум кыздардан болбоду, неге мен сүйгөн кыз менден баш тартат, Айперинин ата-энеси жок-жарды экен, эгерде атамдар барып куда түшөлү десе каршы болбос, эми Айпериден ажырабайм", - деп ойлонуп үйүнө карай машинасын зуулдата айдап жөнөдү. Убакыт эмчи, убакыт өзү тараза дегендей Советбек Жүрсүнгө үйлөнүп үйүндө жашап калды, Мирбек такылдап сүйлөп, жүгүрүп жүрөт, аны Жүрсүн аябай жакшы көрөт. Зарылбек кызына септи жакшы берди, Советбек ишин таштап, малын көбөйтүп айылда калды. Жүрсүн шыпылдап үй ишине кирип чыгып тың, окуусуна барбай койду. Айылдык жашоого көнүп, коңшу-колоңдору менен ымала кылып алды, Мирбекти ээрчитип алып айылчылап, теңтуш күтүп алган. Советбек экөө ынтымактуу, бири-бирине ысык мамиледе, аялынын өзү үчүн баарынан кечкенине ыраазы болуп кетет.

- Жүрсүн, - деди бир күнү, - Эмнеге окууңду таштадың?

- Мага окуп окумуштуу болуу эмес сен гана керексиң.

- Ыраспы, кийин өкүнбөйсүңбү?

- Эч качан, - деп күлө карады, анын көз карашы күйөөсүнүн жүлүнүн өрттөп ийгендей болду, кучактап алып өпкүлөп кирди, - Болду дейм, - Жүрсүн наздуу күлүп мойнуна колун ороду.

- Эмнеге мени мынчалык сүйдүң айтчы? - Советбек аймалап жатып сурады, - Чын эле сүйөсүңбү ыя?

- Аябай, бир көргөндө сүйдүм, ошондо эле сенин меники болооруңду билгемин.

- Чын элеби?

- Чын, а сен мени канчалык сүйөсүң?

- Минтип-минтип сүйөм, жанымдан дагы артык сүйөм, ошондо мен сени өзүм жактырганым менен ишенчү эмесмин, минтип түбөлүк жанымда болооруңа.

- Эмнеге?

- Мен сенден улуумун, үй-бүлөөлүү, балалуу болсом, түшүмө дагы кирбейт эле, анын үстүнө эжемден коркуп жүрдүм.

- Мен өзүм сүйгөн соң өзүм чечем да Соке, менин айтканымды атамдар аткарбай койбойт, эми Залкардын көзүн карап калышты, уул бала болбосо жаман экен, атамдын арманы ичинде болуш керек, - деп ойлуу карады.

- Кудаанын кудурети өзү билет экен го, уулду да, кызды дагы өзү берет, кайнатам менен кайненеме ыраазымын, сени жаратып койгонуна, болбосо менин чечкинсиздигим баарынан куруу калтырмак.

- Менден кашчу элең го?

- Качам да, бир балээге калбайын деп, - Экөө ойноп-күлүп, төшөк үстүндө ары оонап, бери оонап бири-биринин ырахатына бөлөнүп жаштыктын кумарына чалкып жатып уйкуга кандай алдырганын сезбей калышты…

Турусбек үйдө дагы, жумушунда дагы кабагы ачылбай түнөрүп калды, жумуштан келгенде баласын алып бир азга эркелетет дагы китеп дептерин карап отуруп алат. Шайыркүл аны түшүнүп эле турат, кайненеси аларды ажыратуу үчүн бир топ амалдарды колдонду, ошого эмне кылаарын билбей кыжаалат.

- Туку, тамагыңды ичип алсаң боло, муздап калат, - деп Шайыркүл ага кайрылды.

- Иче бергиле, - деп күңк этти ал.

- Эмнеге түнөрөсүң, ушундан көрө ажырашып кетели, сен өзүңдү да, мени кыйнай бербе, - деди аста сүйлөп.

- Кеткиң келдиби? - Бурула берип сурады.

- Мындай жашоо кимди тажатпайт, мени күңдөн да жаман кыйнадың, бир жаңылыштыгым өзүмө ор казганын билсем го ошондо…

- Мен өлгөндө биротоло кетесиң!

- Туку, андай дебечи, атамдар угуп калбасын, өзүңдү кыйнай бербе, мен ошондой эле үйүңөргө жамандык алып келген болсом тынч эле кеткеним оң го?

- Ким айтты ошентип?

- Келгенден бери уккан сөзүм ушул.

- Апам айттыбы?

- Апам айтты десем дагы мен күнөөлүү болом го?

- Болду, үнүңдү бас, жинимди кайнатпа! - деп катуу айтып отурган жеринен тура калды, - Каякка кетесиң, ойношторуңду сагындыңбы? - деп жиберди, - Кетесиңби ыя?!

- Аа-ай! - деп барып жыгылып калды, ошол убакта Асылбү кирди:

- Эмне болуп кетти балам?

- Эчтеке! - Турусбек терс бурулду. - Силерге жакпаган аялды уруп өлтүрөмүн, уктуңбу апа, киришпегиле апа! - деп муштуму түйүлө муундары калчылдаган баласынын түрүн көрүп чоочуп кетти.

- Ким айтты ботом, жактырбагыдай эмне, өзүңөр менен өзүңөр болгулачы деги, Шайырга сүйлөбөй эле койдум, - Эне уулунан алыстай берди, - Байкуш жаным, андай бол, мындай бол деген эле айыбым, башка эмне дедим?

- Апа, Шайыр жакпаса кетирбейинби?

- Жо-ок балам, жакпай эмне, келиним тың, ишти өзү билип жасай берет, эмнеге кетирмек элең балам, атаң укпасын, - деп бөлмөдөн чыга качты. Анткени ал жокто ар кайсыны сүйлөп кулагынын кужурун алчу, Шайыркүл ыйлаган көзүн аарчып кайненесинин артына чыгып баратып:

- Тамак ич, - деп койду.

- Азыр, - Турусбек ага жооп кылып үй ичинде аркы-терки басып жүрдү: "Жаман аял эмес, бир жаман жери эринин көзүнө чөп салганы, жаштыкта эмнелер болбойт, ушу таежем болбогондо баары орду менен болмок, кайдан дагы уккан-көргөнүн айта койду экен, андан көрө келбей эле койсо болмок, өткөн нерсе үчүн өзүм сүйгөн аялдын көңүлүн калтырганым болбойт, мен муну эч жакка кетирбейм, ал менин баламдын энеси, сүйүп алган жарым", - деп ойлонуп тамактанчу бөлмөгө кирди. Шайыркүл тамакты абдан даамдуу жасачу, ичип отуруп дагы ойлонуп жатты:

- Балам, - деди атасы, - Ишиң кандай, балдарга жакшы тарбия берип жатасыңбы?

- Ооба ата.

- Сен мугалимсиң, мектепте балдарга, үйдө балдарыңа, үй-бүлөөңө дагы үлгү болушуң керек, аялды уруп-сабаган эркектин жакшы сапаты эмес.

- Ата…

- Болду, экинчи келинимдин көз жашын көрбөйүн.

- Өзү…

- Эмне кылды, балаңды багып, тамагыңды даярдап, кириңди жууп отурганы күнөөбү? - деди ачуулуу.

- Ата…

- Сүйлөбө, Шайырды сага биз алып келип бердик беле?

- Кечир ата, экинчи мындай болбойт, - деп кутулду Турусбек.

- Тарбиялап бүткөнсүң, эми Туку киши болуп калбадыбы, эки баланын атасы, Эрлан менен Мирлан чоңойсо өзү деле токтолот, - деп Асылбү купшуңдап койду.

Турусбек атасынан тартынат, көп сүйлөбөй, бир мүнөздө жүрө бергени менен балдарына акыл-насаатты көп айтчу, катуу кармачу. Ошондон кийин Шайыркүлгө анча заарын чачпай калды, мектепке барып, кайра келгенде короо-жайын карап, оңдоп-түзөп алагды. Бир күнү ал Жыпариза менен коридордон беттеше түштү.

- Кандай, эмнеге барбай калдың? - деди кылыктуу жылмайып.

- Убакыт болбой жатат.

- Бүгүн келип кетпейсиңби?

- Байкап көрөйүн, - деп Турусбек узай берди, бирок эркектик сезим анын жылдыздуу өңүнө байланып баргысы келип кечке маал анын үйүнө жөнөдү. Ал келсе Жыпариза дасторконун жайнатып, тамак жасап, кызыл шараптан дагы алып коюптур.

- Кел, мен сени келбейт го дедим эле.

- Эмне, башка бирөөнү күтүп жаттың беле?

- Жо-ок, күндө сени күтөм, келбеген соң аргасыз жатып алам, - деп кылыктана күлүп койду, - Аялыңдан чыга албай калдыңбы?

- Аял деген аял да, сени ойнош дейт.

- Аның туура, бирөөнүн жары аманат деген ошо да, кел эми тамактан ал.

- Балдарың бир жакка кеткенби?

- Атамдар алып кетти, жалгыз балдар менен кыйналасың дешип болбой койду, - Турусбектин алдына тамак коюп, чай куюп сунду, - Алып отур.

- Алып жатам.

- Кээ-кээде бойдоктун сообуна калып турсаң, - Көзүн сүзө наздана карады, - Коркпо, байлап албайм.

- Дагы бирөөнү таап алгандырсың, бойдокторго жокпу?

- Көңүлгө жакканы бар, жакпаганы бар…

- Мен жагамбы, - Турусбек чай ууртап аны көзүнүн төбөсү менен карады, - Сен өзү кыылктуусуң Жыпара.

- Ошентсе да жакпадым сага, - Жакындай отурду, - Сен аялыңды сүйөсүң го ээ?

- Аялымды сүйүп анан алгамын, сүйүүсүз үй-бүлө курулабы?

- Туура айтасың, - Жыпариза улутунуп алды.

- Сен күйөөң менен эмнеге ажырашкансың?

- Ичкич болчу.

- Балдарың атасын сурайбы?

- Мен аларга атасын өлгөн деп койгомун.

- Эмнеге? - Турусбек Жыпаризаны таңгала карап калды: "Эмнеге аялдар тирүү күйөөсүн өлдү дешет, балким Гүлмира деле мени өлгөн деп жүргөндүр, аялдардын адатыбы бул", - деп ойлоно түштү:

- Балам бар деп аталык парзын өтөй албаса, андай атанын эмне кереги бар, менин атам беш баласына бирдей карап, үй-бүлөөлүү болсок дагы каралашып турат, ар бирибизге жардам берип жаш кезибиздегидей камкор, ал болсо арактан чыга албай дагы эле ошол абалда имиш.

- Ошондой де…

- Ой койчу, кайдагы сөзгө кирип кеттик, - Жыпариза шыңк эте күлүп койду, - Андан көрө кел винодон алалык.

- Алса алалы, - деп Турусбек винодон куюп экөөнүн алдына койду, - Кел, ден-соолук үчүн ичели.

- Ден-соолук үчүн, - Экөө алып жиберишти.

- Да-а, аялдар азгырыксыңар ээ? - деп Турусбек келинди өөп кучактап алды, - Кел жаталычы, тоскоол болчу эч ким жок экен, ээн-эркин бир ойнойлучу.

- Кетесиңби, шашып калдың?

- Ооба, кетпесем болбойт.

- Жалгыздык ай! - деп улутуна Турусбектин эркине баш ийе экөө кучакташып жатып калышты. Көптө барып ишин бүткөн соң чөөгүнгө суу куюп жуунушту, андан кийин Турусбек келинди имере кучактап:

- Мен барайын, сагынганда келип турам, - деди өөп.

- Барсаң бар, айла канча, - деди келин суздана, - Эми качан келесиң?

- Баш оогон күнү, - Турусбек көзүн кысып күлө карады, - Макул анда, көрүшкөнчө жакшы тур.

- Жакшы бар, - деп босогодон узата карап кала берди, Турусбек короодон чыгып баратканда аны өзү менен иштеген физика мугалими Жунус көрө койду:

- Сен кайдан? - деди ал сырдуу.

- Жумуштар менен.

- Сен дагы илээшкенсиң го, экөөбүз "бажа" болуп калганбыз го? - деп каткырды Жунус.

- Койсоңчу, жумушум бар эле…

- Калпыңды кой.

- Калпы жок эле, аны менен ишим да жок, - деп Турусбек кызаңдай өтө берди.

- Шибегени капка каталбайсың Туке, болуптур эми, мындан ары бирибиз эле келе турган бололу, - деп каткырып кала берди Жунус, ал Турусбектен бир аз улуураак болчу, абдан уялып калды: "Экинчи барбайм", - деп ойлонуп үйүнө келди, элдин алды жата баштаган эле, атасы Өмүркүл эшикте жүргөн экен:

- Кайда жүрөсүң ыя? - деди ормое.

- Иштер менен эле…

- Депутат болуп кеттиңби, түндөсү кайдагы жумуш ыя?

- Ата, эмне кыласың эми, ишим бар да, - Моюн толгой ичке кирип кетмек болгондо Өмүркулдун өктөм үнү токтотту.

- Токто, сен эмне болуп жүрөсүң?

- Эчтеке.

- Экинчи кечикчү болбо, кир үйгө!

- Макул, - деп бурк этти да кирип кетти, Шайыркүл баласын которуп жаткан.

- Тамак ичесиңби? - деди күйөөсүн көрүп.

- Кардым ток, - Чечинип кабагын сала уулун колуна алды, - Эрлан уктады беле?

- Ал алда качан уктаган.

- Атам эмнеге ачууланып алган?

- Кайдан билем?

- Эчтеке деген жок белең?

- Эмне демек элем?

- Мейли, жаталы чарчадым, - Эңиле уулун жаткырган соң Шайыркүлдү кучактай жыгылганда оозунан ичкиликтин жыты бур этти.

- Ичкенсиң го?

- Балдар менен эле…

- Мейли, бирок бала эмессиң, ичкиликтин пайдасы жок экенин билесиң.

- Билем жаным, мени кечир ээ?

- Эмне күнөөң үчүн кечирим сурайсың?

- Көп азап көрсөттүм окшойт.

- Эчтеке эмес, койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт дешет эмеспи, сен эркексиң да, - деп күлгөн болду Шайыркүл.

- Эстүү катынсың жаным, - Кучагына алып моюн-башынан жыттап, дал алгачкы баш кошкондогудай мээримин төгүп, эркелетип жатты, - Алтыным, кээде ачуум келгенде үндөбөй эле койчу ээ?

- Макул.

- Абдан нааразысыңбы мага?

- Жок, күйөө кудайың деп коет го, сенин сөзүң, урганың мен үчүн эчтеке эмес, балам экөөңөр аман болсоңор баары ордуна келет, - деди Шайыркүл күйөөсүнө эркелей, колун мойнуна артып, - Сен жанымда жүрсөң дагы узактай көрүнүп сагынып кеттим, - деди шыбырай.

- Мен дагы сагындым, - Экөө көптөн бери көрүшпөй сагынышкандай кучакташып, ыссык өбүшүп жатып калышты, Шайыркүл үчүн бүгүнкү күн өмүрүндөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болду, жүрөгү сүйүнүчтүү толкуп ушул бүгүнкү күнү дүйнөдөгү эң бактылуу жандай сезип турду өзү: "Кудайым ай, ушуну менен баары бүтүп, өмүрүмдүн мындан аркысы жакшы болсо экен, мындан ары бөтөн эркекке колумду карматпай калайын, күйөөмө ак болоюн", - деп жаратканга жалынып жатты. Ошондон баштап мамыры жумуру болуп калышты, Турусбек Жыпаризага барганын токтотту, Асылбү келинине сүйлөбөй калды. Шайыркүлдүн экинчи баласы боюна болуп калды, кайната-кайненесин сыйлап, өз ата-энесиндей карап өнтөлөп турат. Эрланды өз баласындай карайт, ал дагы апалап жанынан чыкпай Мирланды ойнотуп болпоюп жоош: "Мирбегим кандай чоңоюп жатты экен, өгөй эненин заарында калдыңбы, же атаң сени калкалай алабы, же аялынын сөзүнөн чыга албай кошо урушуп жатабы, үчтөн өтүп төрткө карадың, канткенде бир көрөөр экенмин", - деп ичтен сызып кээде ойго алдырып телмире түшөт. Алардын үйүнө Тотукан келип калды Асылбүнүн коңшусунун аялы өлгөнүнө көп жыл болгон эле. Ал бир жолу Өмүркүл менен сүйлөшүп отуруп:

- Ээ Өмүркул, сенин балдызыңдын күйөөсүнүн өлгөнүнө да көп болду, өгөй балдары менен кандай? - деп калды.

- Билбейм, кээде келип кетет, эптеп жашайын десе керек, сыр билгизбейт.

- Мен бир сыр айтайын сага, - деди башын төмөн сала.

- Айт, кандай сыр?

- Тотуканды мага бербейсиңерби, карыганда каңыр-күңүр болгонго бирөө болбосо болбойт экен.

- Ал эми болоор бекен?

- Айтып көргүлө, жок эмес, кудайга шүгүр, - деп Калдыбай Өмүркулга карады, - Илгертен көз карашыбыз жакшы эле, эрмек болсо болду да.

- Ооба-ооба, анткен менен али алдуу-күчтүү элебиз, азыркы кээ бир жаштарга караганда күч-кубат бар, - деп Өмүркул кыт-кыт күлүп калды.

- Ананчы, ошондуктан айтып жатпайынбы, балдар таап эле жатышат, жаштарга көңүлүм жок, аларга байлык гана керек да алдап-алдап жолго түшүшөт, - деп Калдыбай болгон сырын айтып отурду. Өмүркул аялына кеңешти, Асылбү сиңдисинин жанында болгонун каалабай коймокпу, ансыз деле өткөндө келгенде өгөй балдарынын кодулап жатканын айтып ыйламсырап кеткен, Асылбү сиңдисин чакыртмак болуп кайра өзү барып келмек болду, ал атайын эле барды, эжесин көргөн Тотукан кубанып кетти.

- Кел эже, кандай шамал учурду?

- Сени көргүм келгенде келем да ботом, - деди Асылбү күлө учурашып, - Жакшы жатасыңарбы?

- Шүгүр, - деп Тотукан келинине кайрылды, - Балам алып кел дасторконду.

- Азыр, - деп коюп келини жактыра бербей чыгып кетти.

- Ушинтип, аргасызмын эже, айла жок өзүм тууган балам болбогондон кийин чыдабаганда кантем? - деп Тотукан эжесине даттана үшкүрүп алды, - Жашым өткөндө буларга кошомат кылбаганда кантем?

- Кайгыра бербе, - деп Асылбү ага өз оюн акырын айтканы жатканда Гүлназ дасторконун жайып чайларын алып келип Тотукандын жанына коюп койду да кайра чыгып кетти, - Сени алып кетейин деп келдим.

- Эмнеге?

- Жакшы киши таптым, - деди Асылбү шыбырай, - Кирип-чыгып мага дагы жакын болосуң, колунда бар.

- Ээ эже, эми дагы башка үйгө барып көнүшкөнчө качан, ушул үйдөн эле кетейин эми, кантсе дагы он жылдай жашап жытыбыз сиңишип калбадыбы, булар мени кодулап эмне тапмак эле. - Тотукан моюн толгой капа боло отуруп калды, - Тагдырым ушундай экен, бир баланын айынан түртпөгөн эшигим калбады.

- Мен сенин муңайган жүзүңдү көрүп жүрөгүм ооруп жүрөт, жок дегенде мени менен эле кет, - деп болбой жатып көндүрдү, кийим-кечеси менен өзүнө тиешелүүнү алып, малдан бөлүп алып, машина жалдашты да Өмүркулдун үйүнө көчүп келди, бир баласы же келини, кыздары аны кетпе деген жок, кыскасы алам дегенин беришти да узатып кала беришти. Үйүнө келгенден кийин тынч отуруп калды, Шайыркүл Тотуканды жининдей көрөт, ал келгени капа болуп сүйүңкүрөбөй чайын берип, кирип-чыгып ишин жасап жүрө берет. Эже-сиңди шыбыраша аны ушактап оңуп эле калышты.

- Ай бул келиниңди кетирбей калдыңбы эже? - деди Тотукан.

- Өлүп кетсинчи, баламдын көңүлү деп тим болдук, баласы дагы бар, эми боюнда турат, жашай берсин.

- Капырай десең, апасы жакшы эле аял, балдарынын баары тартиптүү, бир үйдөн бирөө чыгат экен да.

- Ооба, өздөрү менен өздөрү боло берсин, Туку иштеп жатабы?

- Мектебинде иштеп жатат, Эрлан дагы быйыл окуйт, тигиниси дагы чоңоюп калды, үчкө чыгат, бүлөөнү сыйласа ал дагы сый көрөт, нары тур эмес.

- Өзүңөргө кайрымдуу болсо эле болду.

- Дурус эле, болгону анын муруңкусун уккандан бери ичим жылыбайт, - деп Асылбү эшикти көздөй үн салды, - Ээ Шайыр, тамагыңды астыңбы?

- Ооба апа, - деп жооп кылды.

- Байкуш бул дагы чыдады, - Тукунун ургу-соккусуна дагы чыдап баласын төрөп ийип батып калды, - Асылбү сиңдисине шыбырады, - Текилдеп өзү тың эле.

- Мейли эми, жаңылбаган жан барбы, жаштык кылды окшобойбу, жеңилдик кыла коюп баласынан, күйөөсүнөн айрылган.

- Мейли кокуй, экөөбүздүн сөзүбүздү укпасын.

- Ооба, укса дагы ирээнжип калат, - Эже-сиңди бир топко чейин сүйлөшүп отурду, Өмүркул сырттан баш багып:

- Асылбү, бери келчи? - деди.

- Эмне болуп кетти? - Асылбү төрт аяктап өйдө турду дагы сыртка чыкты, - Белим ай, белим…

- Тотуканга айт Калдыбай менен сүйлөшүп көрсүн.

- Жок ай, Калдыбай өзү сүйлөшсүн эми.

- Анда үйгө чакырайын, ал байкуш шаштырып жатат, Тотуканды башынан эле жакшы көрөт тура.

- Капырай де, - Асылбү таңгала карап, - Эми ушу кезде жакшы көрөм дегени уят го?

- Эмнеси болсо дагы бойдок да сүйлөшүп көрсө үйлөнөбү үйлөнбөйбү экөө чечет, - деп Өмүркул кайра короонун эшигин көздөй басты, бир аздан кийин Калдыбайды ээрчитип үйгө кирди.

- Арбагыла байбичелер.

- Бар болгула, - деди эже-сиңди баш ийкей, - Кел-кел.

- Келип калдык, коңшу болгондон кийин киришип турбасак болбойт да, - деп Калдыбай Тотуканды карап күлүп койду.

- Ооба-ооба, - деп Асылбү туруп сыртка чыкты, Өмүркул аны менен бирге чыкты, - Тотукан эми күйөөгө тийбейм деп жатпайбы?

- Тийбесе жүрө берсин, жөн гана сүйлөшүп көрсүн.

- Ооба, сүйлөшүп көрүшсүн, - деп эрди-аял өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп сыртта, Өмүркул тамак жасоо менен алек. Калдыбай Тотуканга кайрылды.

- Тотукан, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле…

- Сүйлө, мен угуп жатам.

- Эми жаш эмеспиз, ылайык келсе үйлөнүп алалы.

- Болбойт го, ар жерден ар кандай балдардын кыялын көрдүм, эми ушул жашымда күйөөгө чыкканым болбос.

- Кой Тотукан, мен да жаш эмесмин, экөөбүз каңыр-күңүр болгонго эмнеге болбосун, эрмектешип чай ичкенге дагы адам керек экен, жок дебе, - деди суроолуу тигиле, - Балдар аял алып алыңыз дешет, ар кандай келиндерди айтып көрүштү, мен туура көрбөдүм, жаштын жаштай кыял-жоругу бар, ушул жашымда жаш аялга үйрүлүп отурамбы, сен экөөбүз теңтушпуз, бири-бирибизди түшүнөбүз.

- Ошондо деле мен күйөөгө чыкпайм.

- Эмнеге, Өмүркул менен Асылбү каршы болбойт, мен сүйлөшөм, сен эле макул болсоң болду.

- Убара болбо.

- Убарасы жок Тотукан, сага деле жашоо керек го?

- Койсоңчу, - Кыт-кыт күлдү, - Жашоо деген тынч өмүр сүрүү эмеспи, сен капа болбо, башка жактан изде.

- Мен сени мурдатан эле жакшы көрчүмүн.

- Кой эми, андай курактан өтпөдүкпү.

- Өтө элекпиз, көп жылдан бери аял менен жашабай мен деле бук болдум, - деп Тотуканды карады, - Эми биздин сый көрөөрүбүз калды, балдарым кайра кубанышат, сен макул болсоң эле келип алып кетейин, жок дебе.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Мейли-мейли ойлон, жок дегенде бир сөз, көрөйүн деген көп сөз, үмүтүмдү жандырдың, - деп Калдыбай кудуңдай караганда Тотукан дагы жылмайды, Шайыркүл тамагын алып келди, Өмүркул менен Асылбү кирип орун алды, чогуу отуруп тамактанышкан соң Калдыбай үйүнө кетти, ал ошол эле күнү балдарын чакыртты, туугандары болуп кеңешишти дагы бир жуманын ичинде баш кошуп алышты. Калдыбай ага калың катары бир жылкы берди, ырым-жырымын жасап Өмүркул менен Асылбүнү коноктоп, кийит-кече кийгизип бирди союп кешик кылып берди. Калдыбайдын балдары кубанып калды, анткени картаң атабыз жалгыз калды деп санааркабай көңүлдөрү тынч, кээ-кээде тамак ашын алып келип берип коюшат. Тотукан элүү бештердеги тың аял, иштин майын чыгарат, анча-мынчанын ишин жактыра бербейт.

- Тотукан, ыраазысыңбы? - деди бир күнү Калдыбай.

- Эмнеге минтип сурайсың?

- Деги да, жашоого ыраазысыңбы дейм да.

- Шүгүр, ыраазымын Каке, кудайга шүгүр, жашартып койдуң, - деп наздуу күлүп калды, - Өмүрдөгү бир кызык нерсе аял менен эркектин арзуусу менен берилүүсү тура.

- Ырас айтасың, мен дагы өзүмдү жакшы сезе баштадым.

- Ыраспы?- деп сүзүлүп карап чай сунду.

- Ырас айтам, сен ушу тапта деле кылыктуу экенсиң.

- Аялдын жакшы жери ушунда, кылыктанып эркектин жан дүйнөсүн козгой албаса анан кайдан берилүү болсун?

- Туура, жаш кезиңде жолукканда эмне.

- Эми дагы кеч эмес, алдыда аздыр-көптүр калган өмүрүбүздү көңүл кушун көтөрүп өтөөрбүз, - Экөө сүйлөшүп отурушту, андан кийин Калдыбай:

- Менин жүрөгүм элеп-желеп болуп биринчи үйлөнгөндөгүдөй болуп турат, - деди аялды кучактап, олдоксон өөп, ич кийимине колун сойлото.

- Жүрөгүң ооручу эмес беле?

- Жо-ок, мындайым жок болчу.

- Этият бол анда, тынч эле жатсаңчы.

- Канча, жылдан бери тизе жылытпай жалгыз жатканым да жетишет, сендей кумар көз аял жанымда жатканда кантип жөн жатам? - деп болбой эле аракет кылып кирди, бирок экөө тең бир нерседен күдүктөнүп турду, эми катуулап махабаттын туу чокусун көздөй сүңгүп Тотукан өзүн кармай албай ээрип акыштанып киргенде Калдыбайдын башы шылк эте быш-быш этип демигип барып кыймылдабай калды.

- Каке, бол эми, мени өлтүрөсүң, эми берилип келе жатканда, - деп Тотукан аны түрттү эле оодарылып жатып калды, - Катыгүн эмне болду сага? - деп чоочуп кетип аны булкулдатып кирди, - Эмне болду, деги жакшы элесиңби? - деп чый-пыйы чыга булкса дагы эч дымы чыкпады, туруп кийинип, күйөөсүнүн шымдарын дагы кийинтип сыртка шашыла чыгып Өмүркулдардын эшигин такылдатты.

- Ким? - деген Асылбү эшикти ачып жиберип сиңдисин көрүп чоочуй карады, - Тынччылыкпы деги?

- Эже, Калдыбай жаман, жездем экөөңөр тең баргылачы.

- Ооруп жатабы?

- Ооба, кеч күүгүмдө жүрөгүм катуулап согуп жатат, - деп турган, анан эле…

- Кой бар анда, биз артыңдан барабыз.

- Кеттим, тезирээк баргыла, - деген Тотукан шашыла үйүнө барып кармалап көрсө дене муздай түшүптүр, ыйлап жатты. Эл дароо эле чогулуп калды, ызы-чуу болуп балдары келип врачты чакырып көрсөтүшсө жүрөктөн кармаптыр. Айла жок ыйлап-сыктап жерге беришти, Тотукан элүү күндүккө чейин отуруп анан эжесиникине баса берди. Тотуканды эл узун ушак кылып жатышты.

- Жолу жок экен да, тийген күйөөсү өлө берет экен, - деди коңшу келин Аят курбусу Жеңишкүлгө, - Жолу жаман тура.

- Ошону айтсаң, көп жашабай эле жеп алды.

- Кызык, аял албай жүрө берсе өлбөйт беле?

- Ким билет, ажалы жетсе ким алып калмак.

- Ошентсе деле жаман болду, байкуш аялы жок жүрүп анан аялды көргөндө элирип кармана албай калган го, төшөктөн ошенткен имиш.

- Ким айтты?

- Ошентип эле жатпайбы, төшөк махабатын ойноп жатып анан жүрөгү кармаптыр дейт.

- Шумдугуң кургур десе, көптөн бери аял көрө элек неменин башына чыгып кеткен окшойт, - деп эки келин кеп кылып отурушту. Жеңишкүл абдан амалкөй, кишинин ичи койнуна кирген шылуун калпты чындай айткан аферист келин. Каратып туруп бирөөнү алдап кетмейи бар, өзү Көлдөн болот, бир кыз, бир уулу бар, кызы күйөөгө тийип балалуу болуп калган. Жалгыз бой аял. Ал жакында эле гезит базарынан тааныш таба коюп адатынча алдап китеп алып кетип изин сууткан. Үйүнө карызын доолап келгендерге үйдө жок дедирип жашынып калат да кайрадан көнгөн адатына кирип шаарды көздөй жөнөп "кесиби" менен оокат кылган аял. Тотуканды келиштире жамандап жүрдү, муну уккан Асылбү бир күнү анын үйүнө келди.

- Келиңиз эже, - деди Жеңишкүл шыпылдай, - Үйгө кириңиз.

- Кирдим, Жеңишкүл ушактан деги бирдеме табасыңбы, капырай эми менин сиңдимди эрмектеп калдыңарбы?

- Эже, мен айткан жокмун, кепке кошулуп койсом эле болду, Жеңишкүл айтты болуп чыга келет.

- Анын төшөктө жатып өлгөнүн көрүп турдуң беле ыя? - деп Асылбү ачуулана айтты.

Советбек менен Жүрсүн балалуу болуп бактылуу жашап, оокат тирлиги элден кем эмес, үйүн заңгырыта оңдоп, эшигине мал күтүп, жаңы маркадагы машинаны алышкан. Кубатбек өз балдарындай камкор, үйүнө конок келсе ириде аларды чакырып алат. Эң кенже кызы Зарина турмушка чыгып үлпөт тоюна чакырган экен Жүрсүн экөөнү барып келгиле, - деп чакырды, эки машина менен он адам болжогон күнү жетип келишти. Күйөө бала Адеп экен, адегенде Жүрсүн кетмек болуп Советбекке кеңешип сыр билгизбей тойдун акырына чейин болушту. Зарина чексиз бактылуу, куда-кудагыйларга өзгөчө сый көрсөтүп ресторандан кийин аларды үйүнө алып кетишти. Ошентип Заринанын тоюна катышып отурганда Адеп Заринаны кайра-кайра карай берип кыжаалат болуп жатты: "Мен муну көргөндө Заринаны сүйө аламбы, кайдан дагы ага туш болдум, булар тууган тура, көргөн сайын көзүмдү күйгүзүп жүрөт экенмин", - деп ойлоп сыртта жүрдү. Эл кетип өздөрү калган кезде Адеп:

- Зарина, Советбек силерге кандай жакын? - деди.

- Атабыз бир тууган, анын ата-энеси өлгөндөн кийин атамдар баккан, азыр ал биздин бир тууганыбыз.

- Жакын турбайбы?

- Ооба, жакын акем.

- Зарина, айтчы бактылуусуңбу?

- Аябай бактылуумун атамдардын эң кенжеси дагы, эркеси дагы менмин, демек сен эрке күйөө бала болосуң.

- Чын элеби?

- Чын айтам, атам дагы ошентип айтчу.

- Жакшы экен, сүйүүдөн турмуш курулат, экөөнөн бирөө жаралат дешет го, сен мени сүйөсүңбү Зарина?

- Сүйбөсөм сага эмнеге тиймек элем?

- Жа-аным, эркем десе, сендей жар тапканыма кубанычтамын, - Экөө эзилише кучакташып жатты.

- Адеп.

- Оов.

- Сен мурда кыздарга сүйүүңдү арнадың беле?

- Болгон, тоок сүйүү, куш сүйүү боло берет жаш кезде, а сенчи, сен мени сүйөсүңбү?

- Жанымдан дагы артык сүйөм.

- Зарина, канча жигит сүйүүсүн арнады сага?

- Бир-экөө болгон, бирок мен аларга караган эмесмин, сендей мырзаны күтүп жүргөмүн да, - Чоп эттире күйөөсүн өөп койду, - Кызганасыңбы?

- Кызганбагандачы, айдай сулуу аялымды кызганбаганда кантем? - Кучагына кысып алып көз алдына Жүрсүндү келтирди: "Бактылуу экен, балалуу болуп калыптыр, күйөөсүн катуу сүйсө керек, мен үчүн жүрөгүнөн бармак басымдай дагы орун табылбады, тагдырыбыз кошулган эмес экен да", - деп ойлонуп калганда анын оюн Зарина бузуп жиберди.

- Ээ-эй, эмнени ойлонуп кеттиң?

- Сени жолуктурбай калсам кантет элем деп ойлонуп жатам, - деп Адеп калп айта койду.

- Чын элеби? - Наздуу көкүрөгүнө башын жөлөдү.

- Ырас айтам, эгерде сен башканын аялы болсоң, мен сени сүйөм десем эмне дээр элең?

- Жок, мен башканын аялы болбойт болчумун.

- Эмнеге, ала качып кетип, атаңдар отургузуп койсо эмне кылат элең? - Күлүп тамашалап койду, - Анда башканын аялы болмоксуң.

- Эч качан, баары бир кетип калмакмын.

- Мага буйрук экенсиң да, кудай сени мага насип кылыптыр.

- Ошо да, биздин тагдырыбыз бирге болуп төрөлүппүз секет, - деп наздана башын көтөрүп күйөөсүн мурдунан чымчып койду, алар күлүп ар кайсыны сүйлөшүп жатып уйкуга киришти. Бирок алардын жашоосу чынында дагы узакка барбай турганын билишпеди, Адеп Заринаны Жүрсүндү унутуу үчүн гана үйлөнгөн болчу. Ал аны сүйөт деп ойлойт, жолугуп жүргөндө деле аны менен дагы башка кыздар менен дагы жолугуп жүрө берчү. Атасы үйлөн дегенинен эле Заринаны алып алган. Окуусун окуп, кечке сабак менен алектенип, китепканага барып үйдө көп деле болбойт, кайненеси үй кызматчы алып алган, кечке курбулары менен телефондон сүйлөшүп отура берет, кашын терип, тырмагын боейт, чачын кайра-кайра жасап кылаар иши жок. Кээде кеч келген келинине акшыя бир карап коет.

- Мынча неге кечигесиң балам?

- Китепканада болдум.

- Сен эми үй-бүлөөлүүсүң, кайната-кайнене деген бар, ыймандуу келин мындай кылбайт.

- Мени кечириңиз, мындан ары эрте келем.

- Үйдө жумуш жасабайсың, сабакты үйдөн эле оку, - деп артына бурулуп ашканага кирди, - Үйгө конок келет, үстөл үстүн жасачы Мастура.

- Жарайт.

- Бол тез, - деп кайра ордуна келип отуруп колдорундагы шакектери менен чынжырчасын каранып, курбуларына мактанмак болуп жатты. Көп өтпөй эле үч аял келди, алар Канымгүлдүн бактысына суктанып отурушту.

- Ай Канымгүл, ырысың бар катын экенсиң, деди Шура деген курбусу, - Кайниңдин аркасы менен мына мындай жашоодо жашап жатасыңар.

- Катя өзү бактылуу болууга ылайык да, - деди Айша.

- Ооба десең, бир туугандардын деле караганы карайт, болбосо ага-инисине жарыгы тийбегендери толтура.

- Кадыркулду Алыкул өзү чоңойтуп окутуп-чокуткан да, ата ордуна ата болуп калган, бизге карабаганда кимге карамак эле, - деп Канымгүл чоюштай сүйлөдү, - Кыскасы кайним менин колумда курбуларым.

- Иши кылса бактылуусуң курбум.

- Келгиле эми, мындан алып отургула.

- Өлбөгөн жанга алса алалы, - деп төртө шараптан улам ичип коюп сүйлөшүп отурушту.

- Келиниң кандай Катя? - деди Айша сынай, - Деги сага киши жакчу эмес эле, келин жактыбы?

- Все таки айылдык да, айылдыгын кылат экен, элитный жашоого көндүрүш кыйын, - деди аста сүйлөп.

- Түсү түзүк эле го, ата-энеси кандай турат экен?

- Эл катары турат экен, ашыкча деле эмес, үй ичинде бир дагы мебелдин баалуусу жок, баягысы-баягы эски мебелдер экен, - деди Канымгүл.

- Келиниң өзүңө кайрымдуу болсо болду да, ата-энеде эмне, алар деле балдарды бактылуу болсун дешет да.

- Ооба, ошентпей анан.

- Аяш кайда ыя?

- Ой жүргөндүр да, мен аны тескебейм деле, жүрүп-жүрүп келет да, иштеген иши жок.

- Аның сени башкага алмаштырып жүрсө кантесиң? - деп жылмайып койду Айша, - Эркектерди тескебей койсоң кө-өп кетишет до-ос, ал тургай сени таштап кетиши мүмкүн, эч качан эркектерди ээн-жайкын койбой баскан изин текшериш керек.

- Ой ушул Алыкулум башка аялга барса кубанат элем.

- Ырас элеби? - Айша ишенкиребей карап калды, - Сен деле аяшты жакшы көрбөйт окшойсуң?

- Илгери болгон, жаш кезде кызганып дагы жүрдүм, эми балдар чоңойгондо тим койдум, - деп Канымгүл өзүн коймаарек болуп көрүнгүсү келди.

- Кокус токол алам десе эмне кыласың?

- Кызмат кылдырып оңуп калам да, - Каткырып күлүп калды, - Подвалдан бөлмө берип коюп, Алыкемди өзүм алып жатып алам.

- Көрөөр көз ошого көнөбү?

- Көнбөсөң жолуңа түш дебей жан жокпу?

- Сен аны кыласың, кой андайдын жүзүн ары кылсын, өз күйөөлөрүбүз өзүбүзгө кут болсун ай, чындап эле токол алабыз дешсе кандай акыбалда калат элек? - Шура жакасын кармап, - Түү-түү деп койду.

- Ошону айтсаң, нысап берсин аларга.

- Кой досум, биз кайталык, - деп үчөө дасторконго бата кылып ордуларынан турду, Канымгүл аларды узатып коюп кайра кирди, - Мастура, эмдигиче жыйнала элексиңби, Алыкул келгиче башка жаңы тамак жаса, Адеп менен Зарина дагы келип калат.

- Жарайт эже, - деп Мастура шыпылдай өз ишин жасап үлгүрүп жатты. Аңгыча Зарина менен Адеп экөө бирге келди, уул-келинин көргөндө маңдайы жарыла кубана түштү, баласынын көзүнчө келинине үйрүлө калат, Зарина анын мындай жоругуна таңгалып тим болот.

- Апа, - деди Адеп, - Зарина китепканага барып турсун, окуусуна керектүүнү окуйт да, - деп апасына кайрылды Адеп.

- Балам, мен тыюу салбадым, эртерээк келип жүр деп эле айткамын, - Канымгүл уулунан тайсалдай түштү, - Бара берсин.

- Апам акылдуу, сымбаттуу аял да, - деп Адеп апасын эңкейе бетинен өөп алды, - Тамак барбы апа?

- Даяр болгондур, чечинип чыга калгыла.

- Жарайт апа, - деп Адеп Заринаны жетелеп үстүңкү кабатка көтөрүлүштү, - Зари, ачка болдуңбу, - Артына кылчая сурады.

- Жок, эчтеке ичким келбейт.

- Эмнеге?

- Билбейм, кускум келип жатат.

- Ооруп калган жоксуңбу?

- Жо-ок, жөн эле ошентип жатам.

- Анда врачка көрсөтөйүнбү?

- Кое тур, байкап көрөйүн.

- Жа-аным, аппетитиң жоголгон го анда? - деп кучактап алып көпкө турду.

- Болду эми, апам күтүп калды, ылдый түшөлү.

- Жүрү, - деп экөө ээрчише ылдый түшүп келишти, Мастура жытын буруксутуп тамакты көтөрүп келгенде Зарина көңүлү айнып окшуп тура качып кетти.

- Эмне болду ага? - Канымгүл уулуна ээгин экчей сурады.

- Билбейм, эчтеке жүрөгүмө барбай жатат дейт.

- Качантан бери ошентип жүрөт?

- Бир-эки күн болсо керек.

- Ой куда й берет деген ушу, неберелүү болот экенбиз да, - деди Канымгүл чындап кубана түштү, - Келиним кош бойлуу болуп калган го?

- Койчу, чын элеби апа? - Адеп кубанычтуу апасына карады.

- Ооба балам, баамымда ошондой…

- Кыйналат турбайбы анда.

- Баланы оңой табылат дейсиңби балам, мен врачка көрсөтүп, көзөмөлгө ал дейин, - деп Зарина кеткен жакка басты, Зарина шайы кете кусуп, көздөрүнөн жаш чыкканча окшуп жаткан, - Эмне болду балам, тамак баспай жатабы?

- Ооба, жытына чыдай албай кетип жатам апа.

- Эчтеке эмес, буйруса неберелүү кылат экенсиң, боосу бекем болсун, - деп Заринаны өөп койду, - Неберемдин ден-соолугу таза болушу үчүн витаминдүү тамак-аш ичишиң керек балам, кускандан коркпо, кош бойлуу аял ошентет.

- Кыйналып кеттим апа.

- Эчтеке эмес, убактылуу эле, - деп Заринаны ээрчитип келип үстөлдөн орун алды, - Уулум, эми сен дагы ата болосуң, ошондо билесиң ата болгон кандай экенин, аталык милдеттин оор экенин, - деди жылмая, - Эми даярдана бергиле, ата-эне болгонго, бала караганга.

- Бала төрөлгөндө көрөбүз да, - деп култуңдай карады Адеп.

- Сенин атыңды атайын Адеп деп атаң өзү койгон, тартиптүү, адептүү болсун деп.

- А мен баламдын атын коембу?

- Эң тун баланын атын атаң коет, андан кийинкилерин өзүң койсоң болот, Болот агаңдын тунуна чоң атаң Манас деп койгон.

- Уул болобу, кыз болобу?

- Кудайдын бергени болоор, туулганын эмес тураарын ойлогула балдарым, келиним үйгө наристенин үнүн чыгарса эле болду, - деп Канымгүл кубанып отурду. Зарина жалаң кофе ичип алып эле бөлмөсүнө кирип жатып алды. Адеп көптөн кийин келди:

- Жатып алдыңбы Зари?

- Ооба, уйкум келип жатат.

- Эс ала бер жаным, - Чачынан сылап өөп койду.

- Адеп.

- Эмне болду?

- Алма жегим келип жатат.

- Алып келип берейинби?

- Ооба.

- Азыр алтыным, заматта алып келем.

- Анан алманын согун ала келчи.

- Жарайт жаркыным, - деп эшикке жөнөдү Адеп.

- Кайда жөнөдүң балам?

- Апа, Зарина алма жейм деп жатат.

- Үйдө бар эмеспи, - деди Канымгүл.

- Бар беле?

- Турбайбы, ящиги менен эле.

- Анда жакшы, - деп Адеп ашканадан алма алып Заринага кирди, - Мына Зари, алма жейсиңби?

- Кана? - Зарина тура калды.

- Бир ящик турат, түгөнсө дагы алып келип берем, - Адеп аялына чарк көпөлөк айланып жатты, Зарина сабагына барганда отурган жеринде уктай берчү болду. Жакын курбусу Тынара аны бир күнү тамашалады:

- Сен үйдө катуу иш жасап кыйналып жүрөсүңбү?

- Жо-ок ай, кызматчы жасайт баарын, ичип-жеп эле жата бергенден тажайсың.

- Анан эмнеге эле уктай бересиң?

- Билбейм, - деди да Тынаранын кулагына шыбырап күлүп койду.

- Ай-ий, анда эне болот турбайсыңбы.

- Ооба, - деп жылмая ичин сыйпалап койду, - Ушундайда уйкучу болот экен да.

- Куттуктайм, - Тынара курбусун өөп кучактап далыга таптады, - Буйруса келээрки жылы бөбөктүү болуп калат экенсиң да.

- Буйруса.

- Кызда-ар, - деп алаканын ча-ап жакын санаалаш кыздарга кайрылды, - Менин силерге айта турган жаңылыгым бар.

- Койчу Тынара, - Зарина кызара курбусун тыймак болду.

- Эмнеге, айтам эле.

- Эмнени, бизди эмнеге чогулттуң? - деди эки-үч кыз тегеректеп алып.

- Биздин Зарина жакында эне болот экен.

- Чын элеби?

- Чынбы Зарина?

- Чын, өзү уялып жатат, эмнеге эле уктай берет десем уйкуга талгак экен.

- Куттуктайбыз.

- Рахмат.

- Эне болуу кандай рахат ээ?

- Койчу, Зарина өтө жаш, эмитен бала бакса тез эле картайып калат, - деди бири, - Ошону үчүн жок дегенде жыйырма бештен кийин туура болот дейт апам.

- Эми кудайдын бергени да, эми күйөөсү болсо төрөйт да.

- Сактаныш керек болчу.

- Күйөөсү экөө ыссык болуп турганда кайдан сактанат? - дешип көпкө кыжылдашып отурушканда балдар киришти, кыздар унчукпай калды. Сабактан кийин Тынара Зарина менен бирге келе жатты.

- Төрөп калсаң сабагыңды таштайсыңбы?

- Жо-ок, бала баккыч алабыз дейт Адеп.

- Азамат, анда жакшы экен, кайненең жакшыбы?

- Ооба, анын мени менен иши дагы жок.

- Анда толук бактылуу экенсиң курбум.

- Ооба бактылуумун курбум.

- Кут кылсын, анда мен үйгө жөнөдүм, - деп Тынара ары басты, - Сени Адеп алып кетет да.

- Ооба, аа-а келип калды, - деп Зарина колун булгай Адептин машинасын көздөй басты.

- Зари! - деп Адеп аны кол көтөрө чакырды, ал келинчегинин боюнда болгондон бери Заринага айланчыктап, үйрүлүп түшүп калган. Убактылуу сезимдин азгырыгында жүргөн неме дароо эле унута баштады, - Бүгүн эрте чыктыңарбы? - Адеп сурап калды.

- Ооба, агай келбептир.

- Кыйналган жоксуңбу?

- Жо-ок, уйкум эле келет.

- Жаным десе, окууну таштасаң кантет, кийин окуп аласың.

- Атамдар эмне дешет?

- Эчтеке дебейт, сен тынч эс алышың керек жаным.

- Окуй берейин, анча деле кыйналган жокмун.

- За-ари, сен мага ден-соолугу таза уул төрөп беришиң керек.

- Буйруса ден-соолугу чың болот, - Зарина наздуу жылмайып алды, - Бирок уулбу же кызбы билбейбиз да.

- Жок, мага уул төрөп бересиң.

- Кыз болсо жактырбайсыңбы?

- Жок, андай деле эмес, бирок эң биринчиси бала болгону жакшы да, а кызды кийинкисинде күтөбүз, - деп Адеп күлө, - А сага кыз жагабы?

- Ооба, мен эң биринчибиз кыз болсо деп ойлойм.

- Көрөбүз эми, буйруганы тургандыр, - Аңгыча үйдүн жанына келип токтоду. Алар келгенде Жийде бар болчу, ал кызынын кандай жашап жатканын көрүп, көңүлүн тындырганы келген, тойдон бери биринчи келиши эле, семиз койду союп алып, таттуунун кымбатынан, боорсок кылып келген.

- Апа! - деп Зарина кучактап калды, Адеп дагы учурашты, кыз-күйөөсүн бетинен өөп анан отурду:

- Кызым, жакшы эле жүрөсүңбү?

- Жакшы апа.

- Келинимдин боюнда барын уккандан бери кудаңыз экөөбүз тим эле кубанып жүрөбүз, - деп Канымгүл кудагыйына кайрылды, - Ал кудагый тамактан, балдар кийимдерин алмаштырып анан келишет.

- Кудайга шүгүр кудагый, балаңдын бактылуу жүзүн көрүү эне үчүн өзүнчө эле сыймык эмеспи, - Жийде шыпшынып койду. Кудагыйын сыйлап Канымгүл коньяктан куюп отурду, анда-мында ичип койгону менен көп ичпеген Жийде аздап ичип жатты, Алыкул келип калды ошол кезде:

- Оо кудагый келиңиз, - деп кош колун суна учурашты.

- Келип калдык куда, кыз-күйөөдөн кабар алып, кудаларыма учурашып келейин деп, кудаң салам айтты сиздерге.

- Саламат болсун кудам, чогуу эле келсе болмок экен, боорлошуп бир отурмак экенбиз, бу дүйнөдө бир туугандан кийин куда болот экен жакын адамың.

- Буйруса ал күн дагы келет куда, азыр малдын баары кол карап калган учурда колу бошобой калды.

- Ээ мейли кудагый, аманчылык болсун, балдар ынтымактуу болсо биздин дагы сыйыбыз алдыда.

- Ооба-ооба куда, - деди Жийде, бакылдашып отурушту, бир аз кызый түшкөн Жийдени Зарина акырын конок бөлмөгө алып кирип жаткызып койду. Эртеси дагы сыйлап андан кийин базарлыкты мол салып берип таксиге салмак болуп Алыкул сыртка чыкканда Зарина менен Жийде сүйлөшүп отурушту, эне-бала сүйлөшүп алсын дедиби Канымгүл да аларды ээн-эркин коюп чыгып кетти.

- Кызым кыйналгандан кысынган жоксуңбу?

- Жок апа, кысынган деле жокмун, атам кандай жүрөт.

- Атаң сени өөп кой деп эле болбойт, жакшы эле, жеңеңдер келип жатабы?

- Жок, эч кимиси келген жок.

- Кабар алып тургула дебедим беле?

- Мейли апа, бошобой жатышкандыр, менде баары эле жакшы.

- Садагаң кетейин десе, - Жийде кызынын чачынан сылап чекесинен өөп койду, - Эми мен кетейин.

- Атам өзү жеткирип коет вокзалга, - Эне бала ордунан турганда Канымгүл келди:

- Кудагый эми жакшы барыңыз, кудаларга салам айтып жакшы жетип алыңыз, Зарина сен машинага чейин узатып кой кудагыйды.

- Макул апа.

- Жакшы тургула кудагый, - Жийде коштошуп сыртка чыкты, аны Алыкул унаасында күтүп турган, дароо эле автокозалга жөнөштү. Ошентип Жийде айылга кубанычтуу келди, анын келгенин көргөн коңшусу Набаткан кирди:

- Кандай, кыз жакшы жүрүптүрбү?

- Кудайга шүгүр, кызымдын бактылуу жүзүн көрүп семирип денеме батпай келдим.

- Болсун-болсун.

- Зарина эңкейип иш жасабайт экен, кызматчы жалдашат тура, эми төрөсө бала бакканга дагы жалдашат экен, өзүнүн окуусун уланта берет Зарина, шүгүр ушунуңа жараткан.

- Кудай кут кылсын, бактылуу эле болушсун балдар, сени көрүп бери бастым, Заринанын ал-акыбалын сурайын деп кире калбадымбы.

- Отур Набаткан, мында базарлыктар бар, ооз тийип чай ич, - деп Жийде коңшусун отургузуп койду. Кубатбек мал сугарып жүргөн, ал дагы кирип кызын сурады, келини чай алып келип куюп отурду. Кудагыйы коньяк салып койгон экен аны бузуп, эттен закуска кылышты. Кызынын бактысын айтып жеткире албай отурду Жийде.

- Кызым бактылуу болсо эле болду.

- Ханышадай эле жашайт экен, бөлмөлөрү экинчи кабатта, жаткан бөлмөсүнүн кооздугун айтпа, кирген киши жөн эле эс ала түшөсүң, сабакка барып кайра келет, диванда жатат керсейип, күйөөсү жеткирип кайра алып келет экен, кызматчы болсо деле толгон дүкөндөрү бар тура, түү-түү көз тийбесин, - деп койду Жийде. Ошентип Жийде Советбек менен Жүрсүндү чакырды, аларга базарлык ооз тийгизип, аларга дагы кубанычын жашырган жок, Жүрсүн чын дилинен Заринага бакыт тилеп отурду. Экинчи уулун төрөгөндөн кийин Жүрсүн катуу ооруп калды, алсызданып, кан басымы түшүп кеткени дайын болду, муну угуп Алтынбүбү келип калды, төшөктөн тез эле тура албай калган кызынан чоочулап шаардагы врачтарга көрсөтмөк болду. Советбек үч бала менен үйдө калды, кичинекейи он беш күндүк болгондуктан суукта алып жүрө албайт эле. Алтынбүбү менен Гүлсүн Жүрсүндү көрсөтүп көрүштү, аз кандуулуктун белгиси экенин билишкен соң ооруканага жаткырышты. Нурбеги үч жашта, кичинекейинин атын Айбек коюшкан, аны Гүлсүн алып келип багып калды. Жүрсүндүн абалы оңолуунун ордуна улам оорлой берди, баягы карагаттай көздөрү үңүрөйө ары кирип, аппак жүзүндө кан сөлү жок, арыктап кеткен. Советбек ага келген сайын жүрөгү сыздап кетчү болду, шаардагы эки бөлмө үйүнө киши киргизип коюшкан, аларды чыгарып, балдары менен шаарга келди. Эртели кеч аялынын кашында, телмире шыпты тиктеп ойлуу жаткан аялынын жанына келип отурду:

- Жүрсүн, бирдеме ичесиңби?

- Жок, жүрөгүмө барбайт.

- Ого бетер каның түшүп кетет, ичип турсаң боло.

- Совет, мен бактылуумун, бул дүйнөгө жаралып сүйүү деген жашыл аралдын кучагына сүңгүдүм, сени сүйдүрдүм, ошол сүйүүмдөн данек өстүрүп бала жытын жыттадым, эми мага баары бир, эки уулумдун бактысына сен аман бол, апама айтпа, мен баары бир адам болбойм, - деди алсыз жылмая.

- Антпе Жүрсүн, балдарды ойлочу, сенсиз аларга кандай болот, мен эркекмин, энедей мээрим бере албайм, - деп Советбек келинчегинин колунан кармап жүзүнөн сүйдү, - Сен сакайып кетесиң Жүкү.

- Мени алдаба Совет, менин түшүмдө аян берди, чоң энем мени жетелеп кетип жатыптыр, кайда барабыз чоң эне? - десем, сен менин жанымда болосуң, атайын өзүм келдим сен үчүн, - деп болбой эле жетелеп кетти, чоң энем мен чоңойгондо эле өлгөн, - деди Жүрсүн оор дем ала.

- Ооруп жатканда түшкө ар нерсе кире берет, көңүлүңө алба, - деп башка эмне дээрин билбей буулугуп ыйлап отурду, - Балдарды ойлоп өзүңө-өзүң дем бол Жүкү, биз кантебиз?

- Адамдар төрөлөт, өлөт Соке, сен кабатыр болбо, балдар өз күнүн көрүшөт, биз тагдырдын мыйзамынан чыга албайбыз, сен кайраттуу бол! - деп колун бекем кармап алып телмирип калды, ал ушунчалык бекем эле, жаштыгына өкүнгөн дагы жок, көзүнөн тамчы жаш чыкпады, балким өзүн биротоло өлүмгө даярдап алганбы? Ошол кезде Зарылбек менен Алтынбүбү кирди, Советбектин ыйлап отурганын көрүп экөөнүн тең заманасы куурулуп кетти, Советбек алар менен учурашып палатадан чыгып коридордо ары-бери басып жүрдү.

- Каралдым ай, кандай ооруга чалдыктың эле? - деп Алтынбүбү чарк көпөлөк айлана жүзүнөн өөп, эңкейип кучактап ыйлап турду.

- Алтын, мен дагы учурашайын кызым менен, - деди Зарылбек, ошондо мындай боло берди, - Кызым акыбал дуруспу?

- Жакшы, - Жүрсүн алсыз күлүмсүрөгөнү менен төшөк ичинде эч ким жоктой болуп аркайган сөөгү этине жабышып калган, жылмайганы да баягы жаркылдаган татынакай шок кызга окшобойт эле. Тамак ичпейт, кан болот деп жүзүм менен анардын согун, жаңгакты майдалап, аселге кошуп беришет, бирок аны да иче албайт, көпкө жатты, Зарылбек менен Советбекти врач чакырып:

- Кечиресиздер, колдон келген аракетибизди жасадык, ооруканадан чыгаруубуз керек, айла жок, - деди колун жая.

- Такыр арга жокпу? - Зарылбек тынчсыздана сурады.

- Кымбат-кымбат укол-дарыларды бердик, аракетти аябай жасадык, өтө жаш өкүнүчтүү, бирок мындан ары карай албайбыз, үйүңөргө алып кетсеңиздер болот.

- Кандайча, оорунун дабаасы табылбадыбы? - деп Советбек чыдабай кетти, - Эмне деген диагноз экенин дагы айтпадыңыздар го?

- Жигит, мен сени түшүнүп турам, каны аз, мындайга жардам бере албайбыз, - деди врач. Аргасыз кабинеттен чыгып палатага келишсе Жүрсүн аларды нурсуз көздөрүн жалжылдата карап жылмайды:

- Үйгө алып кетесиңерби?

- Ооба, укол-дарыларды жаздырып алып алалы, - деп Зарылбек кызын түз карай албай зээни кейий көзүн ала качып.

- Жакшы болбодубу, балдарымдын маңдайына барып жыргап калайын, - деп Жүрсүн аябай кубанды. Врачтардын укол-дарыларын алып анан айылды көздөй жөнөштү, эки баласы менен кичинекейин Гүлсүн алып баратты, Советбек жашык экен, буулугуп ичтен түтөп баратты, Алтынбүбү андан бетер, үйүнө жеткенден кийин башына суу айлантып чачып, ичкери киргизишти да улак союп түлөө кылышты. Ата-энеси көпкө чейин кызынын маңдайында болуп жатып анан үйлөрүнө кайтышты, Гүлсүн бат-бат келип кетип турат, Айбекти ал биротоло багып калды. Бир күнү уктап жатып түш көрдү, жанында чоң энеси, көйкөлгөн көпкөк шиберди аралап кетип жатышкан: "Кызым, сени ээрчитип барсам чоң атаң кейийт го, сен ушул жерде кала берчи, кыйналып дагы кеттиң, мен сени жакшы көргөнүмдөн жаныма алып алайын", - деди да заматта көздөн кайым болду. Чоочуп ойгонсо көл шал болуп тердеп кетиптир, көптөн бери денеси кургап калгандай болуп тердебей калган, өзүн жеңил сезип башын өйдө көтөрдү: "Чоң энем мени таштап кетти, демек мен сакайып кетет окшойм", - деп кубана турмак болуп жер таянып калганда Советбек ойгонуп кетти.

- Жүрсүн, эшикке чыккың келдиби?

- Ооба, таза абага чыгайынчы?

- Эшик суук, чыйрыгып калба.

- Жата берип жамбашым талыды, бир аз чыгып келейин.

- Макул, өзүм алып чыгам, орун даярдап анан көтөрүп чыгам, - деди Советбек.

- Мейли отургуч коюп кел, - деген Жүрсүн отуруп калды, Советбек чыгаары менен жер таянып эптеп турду да башы айлана түшүп кайра оңолду, эптеп кадамын сыртка карай таштады, көптөн бери жылбай жатканга буттары дагы өзүнүкү эместей эле. Босогого жеткенде көзү караңгылай түшүп эшикти кармап жөлөнүп калды.

- Кое турбайт белең, өзүм алып чыгат элем го? - деп Советбек кирип көтөрмөк болду эле ага болбоду:

- Өзүм эле басып чыгайынчы, жөлөп алсаң.

- Макул, - деп Советбек аста сүйөп эшикке алып чыкты, ошол убакта күндө эртең менен келип акыбалын сурачу Кубатбек менен Жийде келип калышты.

- Ботом суукта эмнеге алып чыктың?

- Өзү, таза абага чыгайынчы деп…

- Мейли, таза аба жакшы эмей, көп үшүтпөй киргиз, айланайын сакайып кет, - деди Жийде, өзү күдүктөнүп: "Ботом, боюн түзөп жаткан жокпу, доктурдун алы жетпей чыгарып берип койгон адам кайдан сакайсын, кудай сактай гөр", - деп ойлонуп чогуу үйгө киришти. Бул жолу Жүрсүндүн бир нерсе ичкиси келгендей болуп:

- Соке, мен чай ичсемби, кардымдын ачканын билдим, - деди жылмая.

- Ой сен бирдеме ичсең жакшы эмей, тынбай жаңылап жасап берип турам, - деп Советбек сүттөн кошуп чай берди, аздап ичип отуруп калды, андан кийин жатып калды, Советбектин туугандары эртели кеч анын үйүнө келип кетип кабар алып турушту, айрыкча: "врач болбойт деген имиш", - деген сөздөрдү таратып кулак түрүп калышкан. Кечке маал дагы туруп отуруп чай ичип отурганда Алтынбүбү менен Гүлсүн келип кубанып кетишти.

- Оо жараткан, үнүм кудайга жеткенби, каргадай болгон карааныңдан садагам десе! - деп Алтынбүбү баса калды, экөө тең ыйлап жүрөт.

- Эмне ичесиң, айтчы кандай неме жагат? - деп Гүлсүн сурап өпкүлөп ийди, балдарыңдын маңдайында аман-эсен эле жүрсөң экен.

- Аздап эле ичип жатам, баары артта калды, - деп Жүрсүн экөөнү күлүмсүрөй карады, жүзүнө кызыл жүгүрүп калганга албыра түшкөн баягы кан-сөлү жок бозоргон жүзүндө тирүүлүктүн жышаанасы байкалып турат. Эртеси Алтынбүбү жети токоч жасап кайната-кайненесине куран окуп анан ойноп жүргөн балдарга таратып берди, бир козу союп күндө кайнатма тамактан бир маал бир чыны ичирип коюшат. Ошентип эми болбой калды деген Жүрсүн акырындап оңолуп баратты. Ата-эне айланып үйрүлүп жердин алыстыгына карабай келип турушту. Үч ай дегенде Жүрсүн өзү туруп эшикке чыгып-кирип калды, оор жумуш жасатпайт, акырындап сакая баштаганда дагы аны Советбек эчтеке жасатпай тамак-ашты өзү жасап берип, төшөгүн дагы өзү салып өзү жыят.

- Соке, - деди бир күнү Жүрсүн, - Мен баламды сагындым, эми алып келип алалы ээ, бөлөк өсүп калбасын.

- Кыйналбайсыңбы, мен көбүнчө мал карап сыртта болом, сен кыйналып калба.

- Кыйналбайм, жакшы эле болуп калдым.

- Эжемдер келсе айтабыз.

- Кудайга шүгүр, өмүрдөн үмүт үзүп койдум эле, кудайым кайтарды, - деп түшүн айтып берди.

- Арбак билет деген ошо да, колдогон экен.

- Мени ээрчитип алса ары өткөрбөй, тизмеде жок деген имиш, деги тиги дүйнөнү түбөлүк деген чын окшойт.

- Ким билет, мен ата-энемден эрте калдым, алардын элесин да эстей албайм.

- Тиги дүйнө бар Соке, мен сездим аны, бирок эч арман кылып өкүнгөн жокмун, негедир бир алыс жакка чыкчудай эле болуп калгам, - деди ойлуу Жүрсүн.

- Балдарым менен менин дагы ырысыбыз бар экен, минтип карааның кыбырап маңдайыбызда отурасың, ушуга ыраазымын, - деп Советбек келинчегинин жанына отуруп чекесинен өөп койду, - Тамакты тез-тез ичип тур.

- Макул-макул, - деп Жүрсүн күлө карады, анын көз чарасы толуп мурункудан көзгө толуп калган. Турмушта жакшы мүнөттөр дагы, жаман нерселер дагы болуп өтүп турат эмеспи, анын сыңары Советбектин үйүндө балдардын күлкүсү чыгып, жарыгы күйүп калды, ал Жүрсүндүн баскан турганын көзөмөлдөп турат, алы жок неме жыгылып калабы деген ойдо жүрдү. Кийинки күнү келген Гүлсүн баласын алып келип берди, Айбек томолонуп калган, колуна алып: "Ушу силерди бөлбөсө экен деп жаратканга жалынып-жалбарып, жанымды эмес силердин ден-соолугуңарды тиледим, өлүмдөн коркподум жөн гана баш ийип кете бермек болгом берекелерим, силер менен гана бактылуумун", - деп ойлонуп көкүрөгүнө кысты. Ошентип акырындап сакайып кетти, Советбектин кубанычында чек жок эле, ал кээде тагдырына таарынып: "Өзүмдүн жетим өскөнүм жетет эле го, эми үч балам дагы эне деген эмне экенин билбей өсөбү, жараткан алла, сенин калыстыгың ушулбу?", - деп зээни кейип кетчү. Эми көңүлү ток, кадимкидей болгон кезде дагы түлөө өткөрүп эл чакырып батасын алышты.

- Жүкүк, - деди Советбек бир күнү, - Сени кудайым кайтарды, тамак-ашты күчтөп ичип күчтөнүшүң керек, кан боло турган вино алып келип койдум.

- Мейли аздап ичем да.

- Жо-ок, сен жакшы болуп кетшиң үчүн винону көп ичишиң мүмкүн.

- Жарайт-жарайт атасы, айтканыңдай болсун, - деп күлүп калды Жүрсүн, ошентип ага кагор виносунан ичирип жатты. Арадан алты ай өткөндө жаркыраган май айында врачка көрсөтүп анализ тапшырганда таптаза чыкты. Ал тургай врачтар таң калышты, ошентип куштун эмчеги жок, кудай өзү сактайт дегендей аны алла өзү көр оозунан кайтарды. Жетпеген ажалга дабаасы табылат болуп кудаанын кудурети менен сакайып кетти. Мирбек биринчи класска окуп, Нурбек менен Айбекти жанына алып үй тиричилиги менен алек болот.

- Апа, нан жейм! - деп сырттан кирди Нурбек.

- Нан жегениңден сенин, - Жүрсүн уулуна эзиле карап колуна нан карматты, - Садагам десе, кардың ачса жүрө бербей үйгө келгин ээ?

- Ооба да, - деп коюп томпоңдоп жүгүрүп кетти. Жүрсүн Айбекти көтөрүп алып артынан жылмая карап турду.

- Жүкү, Нурбек ойноп жүрөбү? - деп ар жактан Советбек үн салды.

- Ооба, азыр эле кетти, аны эмне кыласың?

- Тайды мингизейин дегемин.

- Жыгылып калбасын, азыр жаш го?

- Илгери беш жашында эл башкарган экен, баламдын тыңдыгын текшерип көрөйүн дегемин апасы.

- Койсоңчу, коркуп калбайбы?

- Суу жүрөк болбой чоңоет.

- Эмдиги жылдан деле мингизсең болот, - деди Жүрсүн ага болбой, мектептен Мирбек келип калды.

- Мирчик, бери кел уулум, тайды минип көр, мындан ары сен суугарасың, уул баланын чабандес болгону жакшы, - деп Советбек Мирбекке тайды мингизип ары-бери жетеледи, - Көрдүңбү жоош экен, бул сенин тайың, тиги көк бээ төрөсө Нурбектики болот, - деп Советбек уулуна жүгөндүн учун карматты, - Кана өзүң бастырчы.

- Ата-а, мени карачы! - Мирбек короонун ичинде ары-бери бастырып эдиреңдеп кубанып жүрөт. Аны бери жактан карап туруп Советбек менен Жүрсүн кубанып турушту, бала эмеспи, тайды улам "чү" деп теминип койсо лепилдеп жорго басык салганда Советбек:

- Буйруса ушул тай жорго болот, - деди.

- Кантип билдиң?

- Көрсөң басыгын, жакшы жоргонун үстүнөн колуңдагы чыныдагы кымыз чайпалбайт имиш…

Турусбек тынч тиричилигин жасап жүрө берди, Шайыркүл удаа-удаа үч эркекти төрөп койду. Тотукан алардын үйүндө, Асылбү экөө аркы-беркини сүйлөшүп отурушат, үчтү төрөдүм дебей Шайыркүл жаны тынбай кир жууп, тамак жасап кайра баласын караганга жетишет. Кичүү уулу абдан ыйлаак, Асылбү алып отурат.

- Дегеле ыйлаак болду, байкуш келиндин да, биздин дагы жаныбызды койбойт, - деп кейип калды Асылбү.

- Баланын ыйлаагы кол байлайт да.

- Кол байлаганы эчтеке эмес, какылдап-какшап мээни оорутканы жаман, эне чыдайт экен да-а, - Башын чайкап койду, - Иши кылып ак жолтой эле болсунчу.

- Коркпо, бала ыйлай берет да.

- Билбейм.

- Жаш баланын дагы ыйлаганына бирдемени жабыштырганы турасыңбы? - деп Өмүркул кирди, - Балага жаман сөз ыйгарбай жүр кемпир.

- Деги айтам да, жаагын баспайт дегеле.

- Ыйласа ыйлап басылат, - деп аялын жаман көзү менен карап небересине колун сунду, - Кел уулум, келчи мага, - дегенде жаңыдан талпынып калган наристе жарк эте күлүп эки колун сунуп чоң атасына боюн таштады. Шайыркүл үн дебейт, укса укмаксан, сүйлөсө өз баласы дегенсип көңүл бурбайт, Эрлан үчүнчүдө окуп калган, Мирлан окуй элек, өтө тентек ал дагы. Ал сыртта жүрсө короонун оозунан Турусбектин таанышы келип калды:

- Турусбек кайда аяш?

- Мектептен келе элек.

- Бир жумуштар бар эле, сүйлөшөйүн дегенмин.

- Келип калаар…

- Кайдан болосуң аяш?

- Анын сизге зарылчылыгы кайсы? - Шайыркүл артына бурулду, - Анан келсе жолугуңуз.

- Турусбектин бактысы бар экен сиздей келинге туш болгон.

- Барыңызчы! - деп Шайыркүл үйүнө кирип кетти, ошол убакта Турусбек келе жатып аялынын тигини менен сүйлөшүп туруп кирип кеткенин көрүп калды, Ишенбек аны көрүп токтоп калды:

- Дос кандай, сага бир жумуштап келдим.

- Эмне жумуш, же аялымда жумушуң барбы?

- Койсоңчу дос, мен сенден акча сурап келгемин, уулум мектепке акча керек деп ыйлап жатат.

- Иштебейсиңби анан, бирөөдөн үмүт кылбай, - Турусбек жини келе короосуна кирип кетти:

- Турусбек, токтой турчу!

- Бар, жолуңа түш! - деп коюп карабай эшиктин алдында жумушун жасап жаткан аялына ызырына карады, - Баарын унутту деп дагы эркектер менен жолугуша баштаган экенсиң да?!

- Туку, эмне кылдым мен?

- Эн-неңди урайын жалап, тигини кайдан таап жүрөсүң?

- Кимди? - Шайыркүл артына кетээнчиктей басты, - Ким экен ал?

- Менден дагы сен жакшы билет чыгаарсың, кары кемпир чалдар үйдө отурганда өз билгениңди кылат окшойсуң? - деп келип жаактан ары чаап жиберди.

- Өлүп кетейин, аны мен тааныбайм, сени сурады.

- Эмнеге мен жокто келет, жаныңды жеп калп айтпа! - деп ачуулуу бакырып башка чаап-чаап ийгенде Өмүркул чыга калды.

- Ой бала, эмне болуп кетти ыя?

- Эчтеке, киришпегиле мага, - деп дагы чаап, тээп ийгенде Шайыркүл сүрдүгө көмкөрөсүнөн чекеси дубалга тийип кан жайыла түштү, Турусбек чоочуп өйдө кыла койду эле ал эсин жоготуп коюптур. Дароо жакын жашаган фельдшерди чакырып келе койду Турусбек. Башын таңып анан тамырын кармап көрүп:

- Районго алып барбасаңар болбойт, - деди доктур.

- Акыбалы дуруспу анан? - Турусбек үрпөңдөй сурады.

- Аны чоң врачтар көрсүн, башынан катуу тийген экен, жакшылап дарылансын, - деп кетип калды. Түндөп районго жеткирип ооруканага жаткырды. Абалы өтө оор, жанында бирөө калсын деди врач. Ошентип куру кызганычтын айынан аялын өлтүрүп ала жаздады Турусбек. Он чакты күндөн соң шаарга жөнөттү, төрт баланы карыганда багып Асылбү кыйналды, эң кичүүсү айрыкча түндөсү ыйлап чыгат. Бир айдай ооруканада жатты, Шайыркүл өзүм жыгылып кеттим деп койду апасы менен бир туугандарына. Ал так маңдайы дубалга тийгендиктен мээге катуу залака келген, туруп-туруп башы катуу ооруп чыдай албай кетет да укол алган соң гана эс алат. Аны үйүнө чыгарып келгенде апасы Шайгүл кошо келген. Мирлан таенесинин алдында отуруп:

- Атам апамды минти-п урганда апам жыгылып кеткен да, - деди камырабай.

- Эмне дейсиң балам, апаңды атаң урду беле?

- Ооба да, башка чаап анан минтип тепти эле…

- Мирлан, кой садага, сен кайдан көрдүң эле балам? - Асылбү Мирланды тыймак болду, кайсактап Шайырды бир кудагыйын бир карады.

- Ык-кы, мен көйгөмүн, апамды тээп, анан башка уйган, - деп бала болбой эле сүйлөй берди, Шайыр унчукпай сыртка чыгып кетти, калп же чын дебеди. Турусбек эшикте улак алып келип түлөө өткөргөнү жүргөн, Шайгүл зыңгырап унчукпай отуруп калды: "Байкуш кызым ай, эрден айткан эмес экен, курган жаным жакшы жерге барып багы ачылды деп бейгам жүрбөдүм беле", - деп жүрөгү сыздап чыкты. Ал күнү түлөө өткөрүшүп аерде түнөп калды, жол жүргөнгө кыйналганбы Шайыркүл башым деп чыдабай укол сайгандан кийин гана эс алды. Түндөсү жанында жаткан кызына эне минтти:

- Кызым, күйөөң ушунча кызыл камчыбы?

- Апа, күйөө деген урат-согот, эчтеке болбойт.

- Эмне күнөө кылдың анчалык?

- Эчтеке, баягы жаңылыштыгым башыма муш болду да.

- Кудай ай, сени мен бактылуу болуп калды деп жүрсө шоруң кайнаган турбайбы, эртең мени менен кете бер, жакшылап сакайганда келесиң.

- Балдар кантет апа, өлсөм дагы балдарымдын жанында болоюнчу, сиз кете бериңиз.

- Кантип көңүлүм тынчып жүрөм анан?

- Өзүң мени үйдөн кубалабадың беле апа, үч балалуу болгуча чакыра элексиң, менден кечип койгон экен дегем, - деп тескери бурулуп жатып алды. Шайгүл чынында Шайыркүлдү күйөөсү менен үйүнө чакыра элек болчу. Ката кетиргенин эми түшүндү: "Ырас эле чакырбаганымды кара, эсиме да албаганымды кара, кайненеси деле айтып жаткандыр, кой буларды өзүм чакырып, барып калгыла деп күн болжоп кетейин", - деп ойлоп:

- Кызым, шарт келбей эле жүрдүм, эми камым бүтүп чакырайын деп жаткамын, - деди.

- Койчу апа, мени өлгөн кыздын катарына коштуң, же колуңарда жокпу, жок жарды болсоңор түшүнөт элем го?

- Кой садага, куда тосуу эле оңойбу, өйдө төмөнү болот, андан көрө булар деле сени алып алдыга түштү кылып койсо болот беле, биз эмес булар тоготушкан жок, баягы келгенибизде акча дагы койгон жок, сени тынып калса болду деп унчуккан жокпуз го? - деди кызына түшүндүрө.

- Келин келсе деле алдыңарга түшмөк беле?

- Келинине карабайт, бүлөө алгандар ырымын деле кылса жарашат, кызга бергис жубан бар деген эмеспи.

- Менин жаштыгыманбы же жамандыгыманбы, бир жолку жаңылыштыгым башыма балээ болду апа, кыңыр иш кырк жылда дегендей өткөн иш угулат экен, артымдан эле жетти, ошондон бери көргөн күнүм ушу болуп келе жатат, - Шайыр муңкана буркурап ийди, - Сен туура айтыпсың, менин өз кылган ишим өзүмө азап берди, силер дагы мен үчүн сөзгө калдыңар…

- Капаланба, мындан ары чекеңе чертсе бул жерге койбойм.

- Кайдан, мен үч баланы таштап кайда барам, ансыз дагы Мирчикти бир көрө албай ичимден сызып өмүр өтөөдөмүн, ушуларды энесиз калтырбай калайын, сөөгүм булардыкы болсун, эми эч жакка кетпейм, - деп Шайыркүл солкулдап ыйлап жатканда Шайгүл үн катпай жатып калды. Эне бала бир топко сүйлөшүп жатып уйкуга кетишти. Эртеси Шайгүл куда-кудайыгын күн болжоп үйүнө чакырды.

- Куданы күткөндө ысык-жылык чай ичише турган жер болсо экен деп тилейбиз куда, үч балалуу болуп келгенине төрт жылга аяк басты, төркүлөтүп бир барууну ойлободуңар, эми минтип Турусбек кызымды көр оозуна жеткирген экен, кой ай деп койсоңор болмок, бала көргөнүн, укканын гана айтат, - деп таарыныч кыла сүйлөдү, - Эми кийинки жумада кыз-күйөөмдү алып өзүңөр дагы барып, эшик төрүбүздү көрүп келгиле.

- Кудагый айып бизде, кечириңиз эми, ошондой болуп калды, - деп Өмүркул туура кабыл алды.

- Эчтекенин кереги жок, балдар турганда бири-бирибизди сыйлашалы, куда болгуча кулу бийиң сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш дегендей Шайыр деле үйгө баргысы келип жүргөндүр, туулуп өскөн үйүн сагынат го ал деле.

- Туура, сөзсүз барабыз кудагый, өзүбүз барышыбыз керек эле, эчтеке эмес, - деп Асылбү шыпшына сүйлөдү.

- Экинчи мындай болбосун, уй мурдун сасык деп кесип таштабайт дегендей жакшы баланы жаман балага ким аламашат кудагый, Шайырды анчалык кор тутканыңар кантип болсун, өтө катуу кетпейин, ушунчалык болуп сакайып кеткенине тобо кылам, - деди Шайгүл саал чыйрыга сүйлөп.

- Андай болбойт эми, жаштар экен да, бири-бирин кызганат экен, болор-болбостон урушуп кетишет, көрүп калсак кантип кой дебейли, - деди Өмүркул, ошондон кийин Шайгүл үндөбөдү, кетүүгө камынып Шайырдын жанына кирди, ал төшөктө жаткан, врачтар аны үйгө баргандан кийин көп кыймылдабай тынч жатсын деген эле.

- Кызым, эми мен кетейин, сен жакшылап сакая бер, кийинки жумада баргыла садага, балдардын баарын чакырам, балдарың менен барып жүрүп келесиң ээ? - деп бетинен өөп анан кетмек болду.

- Апа, - деди Шайыркүл.

- Айта бер кызым.

- Мирбекти бир көрүп койсоң жакшы болот эле…

- Бир күнү атайын барышым керек балам, ал окуп калгандыр.

- Үчүнчүдө окушу керек.

- Анда мектепке барып көрөм.

- Мен барганда кандай болуп калганын айтасың ээ?

- Макул кызым, көп ойлонбой өзүңдү кара, башыңды этият кыл, - деп Шайгүл бөлмөдөн чыгып неберелерин өөп анан жолго чыкты, Өмүркул менен Асылбү аны узатып кайра кирди.

- Ушу сенин адатың жаман, - деди жактырбай Асылбү.

- Эмне болду?

- Кыз алгансып эми төркүлөтөбүзбү?

- Эмнеге төркүлөтпөйбүз, төркүлөтүш биздин милдет, кудагый туура айтты, ай-мончоктой уулдарды төрөп берип уулуңдун башын төрт-беш кылып жаткан келинибизди төркүлөтүп алып барып келебиз, - деди Өмүркул, Асылбү үн дебей калды ашыкча сүйлөсө өзү билет Өмүркул кандай кылаарын. Ачуусу келбейт, эгерде ачуусу келсе эч нерсеге карабайт.

- Аның го туура.

- Камын, кийит-кечеңди даярдай бер, бир койду союп бышыралы да, бир койду тирүү алабыз, Кудусбекти чакырып тоодон бир жылкы алдыралы, - деп Өмүркул чечимин чыгарып койду. Ошондон баштап алар камынып айтылган күнү жөнөп калышты, Шайыркүлдүн башынын ооруганы кайра күчөп кетти, укол алмайын турбайт, апасыкында он чакты күн жүрүп калды, ызы-чууга дагы чыдабайт, катуу үнгө чыдай албай кетет, ошентип ал оорукчан болуп калды. Жайдын толук кезинде аны кайра ооруканага жаткырышты, көбүнчө жатат, турганга уруксат бербей койду врачтар…

Советбектин жашоосу ойдогудай болуп бактылуу өмүр сүрүп жатты, Жүрсүн кадимкисиндей жаркылдап күйөөсүнө камкор аял, балдарына мээрман эне. Алар ошол жайда балдары менен Ысык-Көлгө барып келүү үчүн жөнөп калышты, Бишкекке келип өздөрүнүн үйүнө түнөп эртеси эрте чыкмак болушту, Советбек базарга чыгып тамак-аш алып келмек болуп чыккан, кечиккенинен тынчы кетип Жүрсүн аны күтүп жатты, бирок келбей кечигип жатты. Бир кезде телефон чырылдап калды, ооруканадан экен, Советбекти капысынан машина уруп кетип ооруканага түшүптүр. Чый-пыйы чыккан Жүрсүн Мирланга экөөнү таштап ооруканага жетип келди. Советбектин буту сынып кетиптир, келээри менен анын бутун гипстеп асып коюптур.

- Эмне болуп кетти? - деп өпкүлөп ыйлап ийди Жүрсүн.

- Эчтеке эмес, баары артта калды, шайтан айдап базарга эмнеге бара койдум, - деп Советбек онтолой сүйлөдү.

- Кудай сактаган экен, кандай машина экен, качып кеттиби?

- Жок келип кетти, чыгымды өзү төлөмөк болду.

- Чыгымы менен курусун, кокус бирдеме болсо кантет элек? - деп Жүрсүн күйпөлөктөп жатты.

- Болду эми, балдар коркуп калбасын үйгө бар.

- Мейли, мен барайын, эртең балдар менен келем, тамак алып келейинби, азыр кардың ачкандыр?

- Эчтеке ичпейм, сен эртерээк бар балдарга.

- Жакшы жат, мен кеттим, - Жүрсүн бетинен өөп коюп анан палатадан чыкты. Бир буту балтырынан чорт сынып кеткен экен, колу дагы ооруксунуп калган эле, ал чоң жолдон өтө берээрде бир машина сол жагынан, бир машина оң жагынан келе жатканда артка да кете албай шашып алдыга жүгүрүп өтө коем дегенде уруп кеткен, ал Турусбек болчу, Шайырдын чыдай албай башынын оорусу күчөп ооруканага шашып баратканда уруп кеткен. Эртеси Жүрсүн балдарын ээрчитип алып ооруканага келсе Турусбек ошол жерде экен, Жүрсүн жебиреп ага көп сөздөрдү айтты, ал кечирим сурап:

- Мен шашып бараттым эле, аялым катуу ооруп жатат, кечирип койгула, айып менде, - деди жалооруй.

- Эчтеке эмес, аялыңыз жакшы болуп кетсин, - деди кайра боору ооруган Жүрсүн.

- Рахмат сиздерге, мен өзүм дагы билбей калдым.

- Боло берет тууган, кыскасы аманмын, башкасын өзүбүз чечебиз, бул кырсык да, кабатырланба, - деп өзү онтоп жаны кейип жаткан Советбек дагы жайгарды. Турусбек аларга ыраазычылыгын билдирип чыга жөнөдү, Шайырдын мээсине операция жасайбыз деп жатышкан эле, ал үчүн өзүн күнөөлүү сезип жаман акыбалда жүргөн учуру болчу. Арадан бир ай өткөнчө Жүрсүн шаардагы үйүндө жашап күнүнө эки-үч маал Советбекке келип турат, Гүлсүн анда-мында келет, Жүрсүн балдарын эжесиникине коюп Мирланды ээрчитип алган, ошол кезде Советбек балдак менен сыртка чыгып баса баштаган эле, Жүрсүн келгенде ал эшикте отургучта отурган, учурашып Мирланды өөп жанаша отуруп сүйлөшүп отурганда Турусбек травматологиядан Шайырды колтуктап чыга келди, анализдерин жасатып, рентгенге түшүрүп жүргөн эле. Турусбек Советбек менен кош колдоп учурашып калганда Шайыркүл аны көрүп жанында ойноп турган Мирбекти карап мууну калчылдап чыкты, өңү бозоруп чыкты, аны байкабай эле:

- Шайыр, баягы мен айткан адам ушул, - дегенде Советбек жалт карап өңү боппоз болуп кеткен Шайырды көрүп оозуна сөз кирбей калды.

- Аялыңыздын абалы оор окшойт, караңызчы жыгылып кетпесин, - деп коркуп кетти Жүрсүн.

- Шайыр! - деп Турусбек кармай калды, - Эмне болду сага?

- Эчтеке болгон жок, - деп акырын шыбырап ары бурулуп кетти Шайыркүл, күйөөсүнүн колтугунда баратып үнсүз солкулдап: "Жакын турса дагы баламды бир кучактап жыттап кала албадым, арман ай жолумдан адашып анын айынан ден-соолуктан ажырадым, уулумду көрүүгө акым жокпу", - деп ичтен түтөп жүрөгүнө ийне сайгандай тыз-тыз этип сайгылашып, көзүнүн жашы куюлуп жатты.

- Шайыр, кыйналып жатасыңбы?

- Кыйналганым бүгүн эле эмес, көп болду го…

- Кечирчи алтыным, мени кечир, эптеп сакайып кетсең экинчи сүйлөбөйм дагы.

- Сакайып кетсем кана-а.

- Эч кабатыр болбо, сен сакаясың, көрөсүң го?

- Мейли, мен жатып эс албасам жаным кыйналып турат, - деп палатага киргенден кийин керебетке жатып калды, Турусбек анын жанында көпкө отурду, аны менен сүйлөшкүсү келбей көзүн жумуп жатып алган Шайыркүл,

- Мен үйгө барайын эми, - деди көптөн кийин.

- Бара бер, операция болоордо келесиң да, балдар менен апам кыйналып жатат го?

- Кыйналса дагы чыдайт, сен эле сакайып кетсең болду.

- Ким билет? - Улутунуп коюп кала берди, Турусбек чыгып кеткенден кийин Шайыркүл көпкө ойлонуп жатып кайра башы чыдатпай ооруганда сестра келип укол сайып кетти. Советбек дагы ойлонуп калды, кантсе дагы алгачкы жаш сүйүүсүн арнаган аял, баласынын энеси эмеспи, жалындаган жаштыктын жакшы күндөрүн, рахаттуу түндөрүн өткөрүшкөн: "Ооруп калган тура, байкушка жаман болуптур, башынан катуу сокку алган дейби, күйөөсү урса керек, Мирбекти көрүп жаман болуп кетти окшойт", - деп ойлонуп жатты. Ошондон он чакты күн өткөндөн кийин Советбек ооруканадан чыкмак болуп жатканда Турусбек кирди.

- Ас-салоому Алейкум.

- Аллеки Салам, кандай тууган.

- Дурус, чыгып жатасыңбы?

- Ооба.

- Капа болбо тууган, кокустуктан болуп кетти, аялымдын мээсинен операция болот деп мен алагды болуп жүрөм, үч балабыз бар, чет өлкөдөн профессорлор келип жасайт деп жатат, кандай болот билбейм.

- Кабатыр болбо, жакшы болуп кетсин.

- Айтканың келсин, эмесе тез сакайып кет, өткөндү унутуп шарт келсе дос бололу, - деди Турусбек колун суна.

- Жарайт, достошууга даярмын, касташкандан көрө достошкон жакшы эмеспи, - деп Советбек сыр билгизбей баш ийкеди, аңгыча Жүрсүн келип калды, үч баласын тең алып алган, машинасын Кубатбектин баласы айдап келген эле, алар сыртта күтүп турушкан, кийим-кечесин алып кийинди да балдак менен ооруканадан чыгып баратты. Ошентип улам бири ооруп, бири кырсыкка учурагандан улам Советбек Кубатбекке кеңешти дагы ата-энесине куран окутту, андан кийин мечитке барып кайыр-садага берди, андан кийин мазарга түнөп келишти. Жадыраган жай дагы өтүп күркүрөгөн күз келип жашыл ыраң чөптөрдүн өңү саргайып, бак-дарактардын бариктери сампарлап түшүп жаткан мезгил. Советбек айылда жашап шаардагы үйүн батирге беришет, кийин балдарга керек болот дешип сатышпады. Иштери менен шаарга келген Советбек батирге берген үйдүн акчасын алып анан кафеден тамактанып чыгып келе жатып Турусбекке жолугуп калды. Экөө учурашып аркы-беркини сурашып бир аз турган соң Советбек:

- Аялың жакшы болуп кеттиби? - деди сөз арасында.

- Аны жерге бергениме эки ай болду, - деди Турусбек терең дем алып.

- Өкүнүчтүү, арты кайырлуу болсун.

- Ошондой болуп калды, башынан катуу ооруп калды, мээсинде бар экен да.

- Эчтекеге урунган жок беле?

- Жок, жөн эле башы ооручу.

- Жаман болуптур, - деп Советбек жаман абалда калды, Турусбек менен коштошуп унаа токтоочу жайдан машинасын айдап чыгып үйүнө жөнөдү: "Өмүрүң кыска экен да байкуш, жаның жаннатта болсун, менин көңүлүмдү калтырбасаң бирге болмокпуз, балким оорубайт белең", - деп ойлонуп үйүнө келди. Келсе анын үйүндө жаңылык күтүп турган экен:

- Келгениң жакшы болбодубу, Зариналар баласын бешикке салып чакырыптыр, - деди Жүрсүн, - Акемдер сени эле күтүп жатышат.

- Бүгүн бекен?

- Ооба, - деди Жүрсүн. Балдарын Кубатбектикине таштап коюп чогуу бешик тойго жөнөштү, тойдо эл көп болду, кыргыздын салтын улап келин-кыздарга селкинчек тептирип, боз үйгө балпайган кемпирлерди отургузуп бешикти ырым-жырымын колдонуп наристени бешикке салышты, андан кийин коноктор тамак үстүндө наристеге каалоолорду айтып, ырдап бийлеп жатышты. Бул тойдо Шайгүл дагы жүрдү, ал Алыкулга эже болуп кетчү, ошентип бир тарабы өкүнүч, бир тарабы бакытка балкып, тыйындын эки бети сыяктуу эле өмүр өтө берет экен. Той ортолоп калганда Шайгүл атайын Советбекке жолукту, ал дагы жакшы учурашты.

- Балам, тагдыр экен, шайтан азгырды, эми Шакеним дагы жок, уулун көрүп туралы.

- Мейли апа, мен каршы эмесмин, Шайыр өзү деле келип көрүп турса болмок, мен кантип көрсөтпөй коет элем.

- Айланайын, кимге арманымды айтмак элем, эстүү жигитсиң, баламдай элесиң, - деп ыйламсырап ары басып кетти. Тойдон келгенден кийин эс алып жатып калышты. Чиркин, бул өмүрдө өкүнбөгөн, өксүбөгөн пенде жоктур, бирде ыйласа, бирде күлүп өмүрлөр өткөнүнө карабай бири-бирине жаман-жакшы көрүнүп тирүүлүктө жашоо улана берет тура…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз