Айгүл ШАРШЕН


"Тагдырым берген купуя сыр"


Кыргыздын тээ илгертен келе жаткан каада-салты, ырым-жырымы ушул күнгө чейин эл ичинде унутта калбай ар бир адамдын эсинде, жан дүйнөсүндө жашап келе жатканы калп эмес. Бул каада салтты улам картайганы уул-кызына айтып, жазуучунун аздектеп жазган китебинде, кабарчалардын ар бир билдирүүсүндө айтылып келе жатып акыры атеисттик заман өтүп, союздун күчү кайткан кезде жабырап кайрадан чыга келбедиби? Колунда бары дагы, жогу дагы ата-бабанын салтын, ырым-жырымын колдонуп, тойлор тамадасыз өтпөй, бешик той, тушоо той менен сүннөт тойлор башкача деңгээлде өтө баштаган кезде борбор шаарыбыздын четки айылдарынын биринде дүңгүрөгөн келин той болуп жатты. Бир гана адам алардын арасында жүргөнү менен тойго тиешеси жоктой көңүлсүз, жүрөгүндө арман бардай үйлөнүп жаткан эки жашты көзү тойбой карап алып көз чанагы жашка толо түшүп тамак-аш бышырылган бастырмачага карай басып кетти. Анын бул тойдо бары же жогу үй ээси үчүн бир болчу, анткени ал адам алардын кол алдында кызмат кылып малын багып жүргөнүнө көп болгон. Дагы бир адам үй ээсинин аялы, ал зымырайып эч нерсе билмексен болгону менен жүрөгүнүн түпкүрүндө өткөн өмүрүндүнү издери, көңүлүнөн кеткис бир окуя аны ошол адам менен байланыштырып турганын экөө гана билет. Бүгүнкү тойдо ошол адамдын эч ким болбой, өз канынан жаралган наристесине бөтөн адам катары калганында...: "Неге менин тагдырым ушундай болуп калды, өз баламдын тоюнда өзүм жакшы тилек-каалоо айтып, чекесинен өөп өз колум менен турмуштун кызык жашоосунун эшигин ачып бере албадым, уулум бөтөн адамды аталап мени бир "бомж" катары көрөт, аттиң дүйнө, ошондо мындай болоорун билсем", - деп тиштене көзүнөн ачуу жаш куюлуп ат байланган акырдын кырында отурду...

Сексен биринчи, сексен төртүнчү жылдар, Алтынбектин иштесе ишке ичсе ашка тойбой турган кези, ата-энеси үйлөн деп жанын койбой жатканынан айылдан кыз көрүп келүүгө классташы менен көчө бойлоп чыккан. Алмаз дагы шайыр, сөзмөр жигит эле, экөө аркы беркини айтып каткырып кетип жатса эки кыз короонун жанында сүйлөшүп турган экен. Алар дагы эки жигитти карай бири-бирин түртүп шыңкылдаша күлүп коюшат.

- Алтынбек, жүрү тиги кыздарга тийишип көрбөйлүбү? - деди Алмаз досуна.

- Анын эмнеси бар экен сүйлөшсө сүйлөшөбүз, тийишип деле коебуз, - Экөө кыздарды көздөй жакындашты, кыздар шыбыраша карап калышты.

- Салам кыздар, таанышып албайлыбы?

- Кыздар өтө эле сулуу экен, таанышууга болобу кыздар? - Экөө жакын келип кол сунушту, - Мен Алтынбек, айткан сөзгө бек, кепке чечен, тамашага жакын, - деп күлүп калды Алтынбек.

- А менин атым Алмаз.

- Айзада.

- Гүлшан.

- Оо аттарыңар өзүңөргө жарашкан, көргөн жанды эрксиз өзүнө караткан сулуу кыздар, силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын! - деди куудулдана Алтынбек.

- Сөзгө чечен эмесмин, бирок мен дагы таанышканыма кубанычтуумун, - деди Алмаз жылмая. Ал негедир Алтынбекти көрө алчу эмес, жалгыз апасы экөө жашап, өп-чап турмуштун зардабын тарткан ал ата-энеси бар, жетиштүү жашаган классташына сыртынан айтпаганы менен ич күптүсү бар эле. Алтынбек өзү ак көңүл, арам оюу жок Алмазды өзүнө дос катары билген ачык айрым жигит.

- Кыздар кайда окуйсуңар же иштейсиңер? - деди Алтынбек Гүлшанды жал-жал карай, анткени ал бою узун ичке белдүү, кара көз, карак каш, мурду кырдач сулуу кыз экен. Айзада көп кыздын бириндей көрүндү.

- Мен университетте окуйм, - деди Гүлшан.

- Мен мединститутта окуйм, - Айзада дагы Алтынбектен көзүн албай жооп кылды.

- Оо жакшы экен, а биз бекерчибиз, - Алмаз күлүп калды, - айыл ичинде сайрандамай.

- Сулуу кыздар кайда бар деп жүргөн кезибиз, - Алтынбек кошумчалап койду, - Гүлшан ушул жерде жашайсыңбы?

- Жо-ок, Айзаданыкына келгем.

- Экөөбүз бала кезден доспуз, - Айзада курбусунун сөзүн толуктады.

- Жакшы экен, жолугушуп турсак кандай дейсиң?

- Кызык, эки мүнөт мурун эле тааныштык го, дароо эле жолугушуу жөнүндөгү сунушуңуз кызык экен?

- Айтаар сөздү учурунда айтпасаң кечигесиң деген экен илгери бирөө...

- Эй дос, андан көрө кыздарды эртең шаарга түшүп кино же концерт көрүп келели десең боло? - деди Алмаз Гүлшанды купуя кызганып. Анткени ал: "Эмнеге ар дайым бул жолдуу болушу керек, мен эмне кудайдын өгөй баласымынбы, сулуу кыз болсо деле Алтынбектики, жашоосунда эч кандай кыйынчылык жок, мен жалгыз апамды таштай албай пенсия менен гана жашап эл катары боло албай келе жатам, бул жолу Гүлшандын көңүлүн сөзсүз өзүмө бурушум керек, Алтынбектей эле келбетим, узун боюм, сүйлөгөн сөзүм бар", - деп ойлонуп кеткен.

- Албетте, - Каршы болбосоңор эртең шаарга түшүп келели кыздар, - деди күдүгү жок Алтынбек, - Алдыбызда машина деги бар, кандай дейсиңер?

- Байкап көрөлү ээ Гүлшан? - деди Айзада.

- Макул, ойлонуп көрөбүз, - Гүлшан дагы курбусуна кошулду.

- Эмесе эртең биз саат тогузда келебиз, даяр болгула.

- Жарайт, ушул жерде болсок барабыз, эгерде көрүнбөсөк бизди издебегиле, демек биз барбайбыз, - деди Гүлшан жылмая.

- Макул, силердин макулдуңарды алдык деп ойлоп коелу да ээ? - Алтынбек Гүлшанды жылмая карап коюп акырын басып кетти. Кыздар аларды узата карап туруп калышты.

- Алтынбек, Алмаз буларды мен мурунтан эле сыртынан тааныйм, - деди ойлуу Айзада.

- Мен тааныбайт экенмин.

- Ой булар аркы көчөнүн башында турушат да, мектепти бизден беш алты жыл мурун бүтүшсө кайдан таанымак элек, мен го бир конокто көргөмүн.

- Кимиси жакты сага? - деди Гүлшан курбусуна.

- Менимче экөө тең эле жакшы жигиттер.

- Мен дагы ошондой деп ойлойм, - деди Гүлшан.

- - Жаздын толукшуп турган кези, барса барып келели, - деди Айзада курбусу эмне дээр экен деген ойдо.

- Билбейм, атамдар жооп береби, өзүң билесиң атам өтө катуу кармайт, - деди Гүлшан, - Баса атам мени күйөөгө берем деп жатат.

- Кимге?

- Мен тааныбайм, досунун баласы экен, университетте чогуу окуган экен, көп жылдан бери жолугушпай жүрүп жакында табышып калган экен, экөө тең куда бололу деп ойлошуптур.

- Мына кызык, атаң сенин оюңду билгиси келбейби?

- Ал дайыма өзүнүн билгенин кое бербейт, үйдө эркек кишинин айтканы гана болуш керек деп ойлойт, апам дагы атамдын сөзүн эки кылып көргөн эмес, - деп Гүлшан ойлуу курбусун карады, - Ал сөзсүз айтканын кылат, мен дагы анын айтканына каршы боло албайм, биздин үйдөгү мыйзам ушундай...


- Анан эмне кыласың?

- Билбейм, азыр башым катып жүрөт.

- Жигитиң барбы?

- Артымдан жүгүргөндөр толтура, өзүм окуумду бүткөнчө жигити жок эле жүрөйүн дегемин.

- Өзүң каалаган жигит жокпу?

- Жок, негедир бир дагы жигитти жактыра элекмин, же сүйүү келе элекпи билбейм.

- Ошондой, эгерде өзүң бирөөнү сүйгөн болсоң атаңдын айтканына көнмөк эмессиң, - деди Айзада күлүп.

- Ошого түшүнбөйм, атамдын айтканын угуп эсим ооду, бирок үн дебедим, эмне демек элем, башка салганын көрөөрмүн, кой анда мен кеттим, апамдан суранып келгемин.

- Макул анда, эртең келесиң да.

- Көрөмүн, апама айтып көрөмүн да, - деп эки кыз коштошуп эки жакка бөлүнүштү. Айзада курбусунун артынан карап туруп: "Эми эмне кылат, атасы көрбөгөн эле бирөөгө берип койсо кантет, эгерде менин атам ошентсе мен кантээр элем, балким ата-эненин тилин алган деле жакшы чыгаар, алар баласын жаман болсун демек беле, ар бир ата-эне балдарын бактылуу болсо дейт да", - деп ойлуу үйүнө кирип кетти. Алтынбек ата-энесинин кыстаганына болбой минтти:

- Ата, мен быйыл үйлөнбөйм, кийинки күзгө чейин иштеп анан үйлөнөйүн, - деди.

- Эмнеге балам, быйыл үйлөнүшүң керек, эмки жылы Асылбекти үйлөнтөбүз да, улуулата үйлөнөсүңөр, - деди Шадыбек.

- Анда Асылбек үйлөнө берсин.

- Ошо кантип болсун?

- Ооба, мен үйлөнбөйм, - деп Алтынбек чыгып кетти, ал ошондо өз тагдырынын таптакыр башка жакка бурулаарын билсе кана аттиң, баары өзү ойлогондой болот деп ойлоп жүрбөдүбү, эгерде билсе ата-энесинин айтканын кылып эле үйлөнүп алып өз жашоосу үчүн күрөшүп бала-бакыралуу болуп бейкапар өмүр сүрмөк. Мунун баарына кызганычтыктын азабы кесирин тийгизбедиби...

Ошентип ал Гүлшан менен сүйлөшүп калды, Гүлшан дагы аны жактырган менен жүрөк түпкүрүндө: "Атам каршы болот, эч качан макул болбойт, Аскарга берет", - деп ойлонуп жүрдү. Бир күнү экөө тоого чыгышты. Алтынбектин машинасы менен коктуда шаркыраган суусу бар өзөндүн боюнда отурушту.

- Гүлшан, буйруса сен окууңду бүтүп диплом алган кезде үйлөнөлү ата-энем шаштырып жатат, - деди Алтынбек кыздын колун кармап отуруп.

- Алтын, мен сага бир сөз айтайын дедим эле...

- Айта бер, кулагым сенде, - Алтынбек Гүлшанга карады.

- Алтын, атам мени башкага күйөөгө бергени жатат.

- Кимге, качан?

- Жакында, сүйлөшүп коюшуптур, качан алып кетээрин билбейм.

- Эмнеге, мен сени окуусун бүтсүн деп инимди үйлөнө бер деп койбодумбу, болбосо эчак алып кетип калмакмын, - деп Алтынбек тура калды, - А сен окуумду бүткөндө деп айтпайсыңбы?

- Мен ата-энеме эчтеке деп айта албайм, бизде ошондой, атамдын сөзү мыйзам.

- Андай болсо мен сени ала качам.

- Жок Алтын...

- Эмне, сен аны сүйөсүңбү?

- Жок, мен сени гана сүйөм, аны сүйбөйм Алтын.

- Андай болсо алып кетем, - деп тынчы кетип жатты.

- Алтын, мен Аскардын өзүнө айтам, сени сүйбөйм, сүйгөнүм бар деп макулбу?

- Качан жолугасың?

- Эртең келет, - деди Гүлшан жер карай.

- Сен аны менен жолугуп турасыңбы?

- Өзү келет, анткени атасы атам менен илгери курсташ болуптур, ошондуктан кез-кез келип турушат.

- Анда ага ачык айт, мен сага кечке маал келем макулбу?

- Макул, - деп Гүлшан күлүп калды, - Эмне кызганып кеттиңби?

- Кызганбагандачы, сен ушул убакка чейин эмнеге айтпадың, болбосо качан эле алып кетип калмакмын, Гүлшан, мен сенден айрылгым келбейт, - деп кучактап туруп калды, - Айтчы Гүлшан сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, жанымдан да артык сүйөм!

- Жаным, эгерде биз бири-бирибизди сүйсөк бизди ким ажырата алат, чынбы жаным?

- Ооба, эч кимдин акысы дагы жок, - Кыз жигиттин төшүнө башын жөлөдү, - Мен сени гана сүйөм Алтын.

- Мен дагы, сага чейин канча кыз менен сүйлөшүп көрсөм дагы бирөө жаккан эмес, а сени бир көргөндө көзүмө укмуштай сулуу дагы башкача көрүнгөнсүң.

- Эмичи? - деди кыз наздуу.

- Андан дагы башкача, сен дүйнөдөгү бирөө ганасың, менин сүйүүм ар дайым сени менен!

- Мен сени жолуктурганыма бактылуумун Алтын.

- Мен дагы, - деп экөө машинага отуруп айылды көздөй келе жатышты.

- Эгерде атаң укса эмне дээр экен?

- Билбейм, атам аябай каардуу.

- Ошончолук элеби?

- Аябай, акемдер дагы андан жоопсуз эчтеке кылбайт.

- Укмуш, менин атам баладай, ак көңүл, кээде биз менен күлүп тамашалашып отура берет, бирок өз ишине жоопкерчиликтүү киши, эгерде ачуусу келгенде бирөөбүз ашыкча сүйлөй албайбыз, ошондой кыялы бар, - деп Алтынбек атасынын жакшы жагын айтып күлүп койду.

- Менин атам илимдин кишиси да, бош убактысы жок, кээде гана дем алыш күндөрү чогуу отуруп калбасак чанда көрүшөбүз, - деди Гүлшан, алар Гүлшандын үйүнүн жанына келип калганын көргөндө күлүп ийишти, - Келип калдык.

- Жакшы кал, эртең жооп күтөм, - деп Алтынбек кызды өөп койду, кыз унаадан түшүп колун булгап койду. Башын ийкей жигулисин айдап баратып: "Эмнеге мурун айтпады, мурун уксам алып кетип калбайт белем", - деп ойлонуп көңүлсүз үйгө кирди. Ата-энеси Асылбекти үйлөнткөнгө даярдык көрүп жатышкан.

- Эмне болду балам, машина керек болуп сени таппай калдык, ушундайда үйдө болуп турбайт белең? - деди апасы Жээнтай капалана.

- Ишим бар да апа.

- Макул, эртең эч жаккка кетпейсиңби?

- Барып кайра эле келем, бирок кечке маал.

- Анда бүтүп калат.

Алтынбек эртеси түш оогончо кабагы бүркөө болуп жүрдү, Гүлшанды башка бирөөдөн кызганып: "Балким аны дагы жактыраттыр, болбосо мага эмнеге мурда айтпады, же жакында алып кеткени жаткандыр, билмексен болуп мага угузуп жаткандыр", - деп тез эле жолугаар убакыттын келишин күтүп улам саатты карай берди. Качан саат болгондо жөнөп Гүлшандын үйүнө жетти, дарбазасын такылдатпай эле күтүп туруп тосмонун аркы жагынын узак экенин көрүп бак-шактуу короону кыдырата басып баратып бак ичинде Гүлшан узун бойлуу жигит менен бет маңдай туруп сүйлөшүп турганын көрүп калды: "Алигиче кете элек экен го, булар үйлөнөөрүнө аз калса керек, Гүлшан менден жашырып жаткан экен, шашпа сени", - деп машинасына келди дагы айдап барып далдоодон карап турду, көптөн кийин гана баягы жигит волга менен чыгып жолуна түштү. Эч нерсе билбегендей болуп Гүлшанды тосуп алды:

- Кандай жолугушуу жакшы өттүбү?

- Ооба...

- Сүйлө, баарын айттыңбы?

- Айта албадым, атам укса атып салат.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Акыры айтам да...

- Качан?

- Шашпачы Алтын, өзүм акырындап апама түшүндүрөм.

- Канча күтөйүн, же ала качып кете берейинби?

- Атам отургузбайт, алып баса берет Алтын, андан көрө ага акырындык менен айтып түшүндүрөм, сен мени түшүнчү.

- Макул дагы үч күн берейин, ошондо айта албасаң анда сөзсүз алып кетем макулбу?

- Ооба, мен макулмун, таарынбачы эми, Аскар деле түшүнүктүү жигит экен, атам менен анын атасы эле кылып жатат менимче, - деди Гүлшан ойлуу.

- Кайда иштейт экен? - Алтынбек жумшара акырындап сырын тартып сурап билмек болду.

- Горкомдо орун басар болуп иштейт экен.

- Аты жөнү ким?

- Аты Аскар, Аскар Байболов.

- Аа-а, демек токочтуу орунда экен го?

- Анын токочунун кимге кереги бар? - деди Гүлшан кош көңүл гана, кайдыгер жооп берип, - Баса иниң үйлөнгөнү жатабы?

- Ооба, беш-алты күндөн кийин алып келет.

- Жакшы экен.

- Эмнеси жакшы, мен сенин окууңду калтырбайын деп өз кезегимди берип койдум, болбосо мен үйлөнөт болчумун да, - деп Алтынбек кабак бүркөй калды.

- Эчтеке эмес, убакыт бар эмеспи, окуумду бүтүп диплом аламын да экөөбүз үйлөнөбүз, - Гүлшан Алтынбекти жылмая карап наздана ага кайрылды, - Алтын, сен мени ошончолук катуу сүйөсүңбү?

- Айттым го Гүлшан, мен жашоомду сенсиз элестете албайм, а сен түшүнбөй жатасың, эгерде макул десең, азыр дагы алып кетет элем.

- Кое тур, шашкан шайтандын иши дейт го, мен өзүм баарын ордуна коем, - деди Гүлшан аны жоошута. Көпкө отурушту, сүйүүнүн соолубас гүлдөрүн терди, кооз сөздөр менен махабат ырларын айтышты, күүгүмдө экөө ээрчише келип Гүлшан өз үйүндө калды, Алтынбек өз үйүнө жөнөдү. Эртеси кайра эле машинасын айдап барып далдоого коюп дарбазанын кычыгынан караса кечээги ак волга дагы туруптур, анан бак жагына өтүп караса эч ким жок, эми кете берейин деп артына бурулганда шыңк эткен Гүлшандын тааныш үнүн угулду, жалт караса Аскар экөө үйү жагынан ээрчише бак ичин көздөй келе жаткан экен, ал бактын ичинде эки кишилик отургуч бар экен, ошого отуруп сүйлөшүп отурушту. Алтынбектин ачуусу келип кетип калгысы келип кайра токтоду, ошол кезде Аскар менен Гүлшан өйдө туруп бирдемелерди сүйлөшүп жатышты: "Гүлшан эми айтып жатат, ал мени гана сүйөт", - деп ойлонуп турганда кадимки өзүнүн көкүрөгүнө жөлөнгөндөй эле анын төшүнө башын жөлөп, эки колун ийинине койду. Аскар аны белинен кучактаганда Алтынбек чыдай албай кетип артына кандай бурулганын сезбей да калды, жигулисин айдап алып ызылдата ээн жакка кетип калды. Түнү-бою арак-пиво ичип талаада жатып калды, ата-энеси сары санаа болуп күтүп жатты.

Үч күн, үч түн жоголуп анан өзүн токтотуп сууга жуунуп алып кыздан өч алмак болуп жүрөгүндөгү тунук махабаты ыза менен жек көрүүгө айланып үйүнө келбей адегенде эле Гүлшан окуган жерге барды, эми окуу жайдан чыгып келе жаткан Гүлшанды кабак чытый тосуп алды:

- Сага эмне болду Алтын, эмнеге келбей калдың?

- Ооруп жаттым.

- Эми жакшысыңбы анан?

- Жакшы, бир аз түзүкмүн.

- Дары ичип жатасыңбы?

- Ооба, Гүлшан суу жээгине отуруп келбейлиби?

- Бүгүн эрте барышым керек эле...

- Эмне үчүн?

- Аскардын ата-энеси келет экен.

- Көңүлүң болбосо алар келгенде жолукпай эле кой.

- Атам өлтүрүп койбойбу?

- Мейли анда, бир-эки саат отуруп келели.

- Макул, тез кайтабыз ээ?

- Жарайт, тез эле кайтабыз, дүкөндөн тамак-аш алып алалы, - деп Алтынбек жолдон майда барат алып анан уйкунун дарысы менен вино алды. Суу жээгинде отуруп алып келгендерин жайып винодон куйганда:

- Алтын, мен вино ичип барсам уят го? - деди Гүлшан, - Башка күнү ичели, бүгүн кыстабай эле койчу.

- Жок, мени сүйсөң ичесиң, анда мен таарынам.

- Кыйнабачы Алтын.

- Кыйнабадым, сыйлап жатам Гүлшан, сен мени уккуң келбесе анда өзүң бил, - деп Алтынбек винону стаканы менен ары алып коюп койду.

- Таарынбачы Алтын, - деп Гүлшан жалдырай карады, - Мейли сен үчүн ичейин, көп кыстабагын ээ? - деп кыз мойнуна асыла кетти, - Таарынбайсыңбы мага?

- Таарынбайм, сен мени уксаң болду, - деп байкатпай уйкунун дарысынан кошуп туруп стаканды кызга карматты да, - Кана ушуну алып койчу, - деди жылмайгандай ички ызасын чыгара.

- Болуптур, - Гүлшан жаман оюу жок чын дили менен винону алып ийди, бирок дары анча эрибей түбүндө калып калганын байкаган Алтынбек акырын стаканды алып үстүнө куюп, өзүнө дагы куйду.

- Жаным, ушуну экөөбүздүн бактыбыз үчүн алып коелу, түгөйү менен болсун, - деди ага сунуп.

- Алтын, вино жыттанып үйгө барсам апам эмне дейт, уятты унутуп калган экен дейт го, мени кыйнабасаң болот эле.

- Макул кыйнабайм, ушуну эле алып кой, - деп Алтынбек жалдырай караганда Гүлшан кыя албай алып коюп оозун баса отуруп калды. Алтынбек анын жанына отуруп аста кучактады, - Биз бири-бирибизди сүйөбүз туурабы?

- Туура, - деп кыткылыктап күлүп калды, - Баары туура, болдубу эми, мен сени сүйөм! - деп кичине ичкенге кызый көздөрү коюулана Алтынбектин көкүрөгүнө жөлөнүп калганда баягы күнкү Аскардын көкүрөгүнө жөлөнүп турганы көз алдына тартыла калды: "Кантип ишенем, ага барып анын төшүнө жөлөнсө, мага келип менин төшүмө жөлөнсө, мында жүрөк жок, эч кимди сүйө албайт, кимиси болсо дагы тийип кетүүгө даяр, башканын сүйүүсү бул үчүн оюн", - деп ойлонгуча Гүлшан жөлөнгөн бойдон уктап калган экен. Ызасына ачуусу кошулуп эмне кылып жатканы эсинде болбой кызды өзү билгендей ишин бүтүрдү да кызды кийинтип туруп машинасына отургузуп алып үйлөрүнө жөнөдү, үйгө жакындаганда акырын түртүп ойготту:

- Гүлшан, Гүлшан үйүңө келдик, - деп түрткүлөп жатып зорго ойготту, ал көзүн ачып:

- Кайда келдик? - деди араң.

- Үйүңө жакындап калдык, ушул жерден түшөсүңбү?

- Аа-ай, мен эмне болуп жатам, башым дагы бүткөн боюм дагы ооруп жатат Алтын? - деп башын көтөрдү, бирок ичип алганга башка эч нерсе билбеди, анткени мурун ичпегенге башы айланып али кызуу эле.

- Гүлшан, үйгө жакын алып барайынбы?

- Жо-ок, атам көрүп калсачы?

- Анда эмне кылабыз?

- Бул бойдон үйгө кире албайм го, эми эмне кылам? - деп айласы кете чекесин тырыштыра, башын эки колу менен мыкчып алып үңкүйүп отурду: "Чын эле билбей калдыбы, ооруксунат болуш керек, кыз эле экен, эми кимге тийсе ошого тийсин", - деген ойдо Алтынбек артта келе жаткан машинаны байкады.

- Жолдон чыгалы, машина келе жатат, - Алтынбек машинасын от алдырып алдыга айдап баратканда Гүлшан артын карай коюп башын ылдый кыла жүзүн жашырып жүзүн бекитип калды:

- Бул Аскар экен Алтын.

- Эмне болмок эле, көрсө менин жигитим деп айт.

- Кантип, сен билбейсиң атамды, Аскардан укса мени өлтүрүп эле салат, - деп тызылдап ийди, - Башка жакка айда Алтын, бир аз өзүмө келип алайын.

- Жарайт, - Алтынбек машинасын буруп артка айдап жөнөдү, - Аскардан ушунча корктуңбу Гүлшан? - деди жылмая карап Алтынбек.

- Алтын ооруп жаткан башымды ого бетер ооруттуң, мен андан эмес уятымдан коркуп жатам, ич деп кыйнайсың, мени аяп койсоң болмок сен деле.

- Койчу эми, мен сени сүйгөнүмдөн эле ошенттим, баш кошуп алсак бирге болот элек, - деп ээнирээк жерге токтотуп сүйлөшүп отурушту. Анан Гүлшан машинадан түшүп ары көздөй басып көптө келди: "Бул эмнеси, мага эмне болгон, ачышып ооруганы эмнеси, деги Алтынбек тийген эмеспи, кантип тиймек эле, ал андайга барбайт", - деп ойлуу зорго басып келди, - Гүлшан, сага эмне болду? - деп Алтынбек билмексен болуп сурап карап калганда андан уялып кетти:

- Билбейм, ооруп калыптырмын.

- Көк чөпкө уктап калгандыкы го, экөөбүз тең уктап калыптырбыз, - деди Алтынбек, - Мен ойгонуп калып сени эрте жеткирейин деп көтөрүп салбадымбы.

- Ушунун баары винонуку го, мурда ичпегенге...

- Эчтеке эмес, баары өтүп кетет, эс алдыңбы?

- Ооба, эс алып калдым, - деди чачын оңдоп тарап күзгүгө каранып алып жүзүнө упа сыйпап жасанып оңдонуп отурду.

- Кеттикпи?

- Ооба, кеттик айдай бер.

- Жарайт, сен көрүнбөй отур, коңшуларың байкап калса дагы ушак кылып жүрбөсүн? - деди Алтынбек куулана.

- Ооба, көрсө эле ушак кылат, оозу менен жер кыдыргандар көбөйүп кетти Алтын, - деп аны туура түшүндү Гүлшан. Үйүнө жетпей бер жактан токтоп Гүлшан түшүп кеткенден кийин карап туруп дарбазадан кирип кеткенден кийин кайра өзү жөнөдү. Ал туура эле бак тарабына барып тосмонун сыртынан карап турду, кеч кирейин деп калган, Аскар эшикте экен, кыз кирээри менен эле аны колунан жетелеп бактагы отургучка алып барып экөө сүйлөшүп Аскар Гүлшанга ачууланып жаткандай болду, үндөрү угулбай койду, алыс болгондуктан колдорун серелеп жатканы көрүнүп турду: "Эмнеге ага ачууланышы керек, алып койгон аялы болсо дагы эмне болуптур", - деп жини келген Алтынбек жетип барып Аскарды жакадан алып өлтүргүсү келип туруп ачуусу келип өзүн токтото артка кайрылды да үйүнө келди, аны көрүп эле апасы:

- Уулум, кайда жүрөсүң? - деди үрпөңдөй.

- Келдим го? - деп кирип кетти ички бөлмөгө.

- Капырай, мындай эмес эле, кудай сактай көр, эмне болуп жүрөт бу балага, - деп Жээнтай сүйлөнүп кала берди. Алтынбек эмне кылаарын билбей жинденип: "Гүлшанга эмне кылдым, кокус үйлөнүп калса акыбалы кандай болот, кечиккенине ушунча сүйлөнүп жатат, кыз болбой калганда аны такыр эле өлтүрөт го", - деп жаны жай албай жатты. Түнү бою уктай албай да чыкты, эртеси окуу жайдан жолукмак болду эле ал көрүнбөдү, күтүп турса Айзада келип калды, жанында Алмаз бар, алар көптөн бери сүйлөшүп калган, жакында үйлөнөбүз деп даярдык көрүп жүргөн:

- Алтынбек, Гүлшанга келдиңби? - деди ал жайдары.

- Ооба, ал көрүнбөйт го?

- Уккан жоксуңбу, аны бүгүн алып кетишет экен, - деди.

- Ким?

- Атасы аны күйөөгө берип жатпайбы, сага айткан жок беле Гүлшан?

- Ал азыр эмес дебеди беле?

- Шашылыш эле алып кетебиз деп болбой коюптур, бүгүн алып кетет, мен дагы барам го? - деди Алтынбекти сынай карап.

- Жок, мен Гүлшанды ага бербейм, ал мени гана сүйөт! - деди да машинасына отуруп катуу айдап жөнөдү. Анын артынан автобуска отуруп Алмаз менен Айзада жөнөштү, чогуу кеткенге үлгүрбөй калышкан болчу, Алтынбек сөзгө келбей жөнөбөдүбү. Алтынбек башы-көзүнө карабай катуу айдап келе жатып бурулуштан чыга калган балалуу аялды сүзүп кетти, өзүнүн эмне кылганын билбей дендароо болуп токтоп туруп кайра айдап жөнөдү, Жусупжандын үйүн көздөй бурулганда: "Баары бир камаламын, Аскарды биротоло өлтүрүп анан кетейин", - деген ойдо дарбазанын жанына келип токтотту машинасын, жулкунуп кирип барды да:

- Гүлша-ан, Гүлша-ан! - деп кыйкырып туруп калганда Гүлшан чыга калды:

- Алтынбек, эмне болду сага, кет биерден!

- Жок кетпейм, сен үчүн мен кылмыш кылдым, эмнеге бүгүн кетээриңди айтпадың? - деп барып колдон алаарда Аскар келип калды.

- Сен кимсиң?

- Мен Гүлшандын жигитимин!

- Калп, жалган айтып жатат, - деп Гүлшан ыйлап ийгенде Алтынбек делдээ туруп калды да:

- Ушуну өз жүрөгүң каалап айтып жатасыңбы? - дегенде Аскар ортого түшө калды:

- Мас окшойсуң, бар үйүңө эс ал! - деди эле ачуусу келип эки жагын каранып туруп калды, үйдөн он чакты адам чыгып жардана карап турушкан, Алтынбектин көзүнө дубалда жөлөнүп турган күрөк көрүндү эле ач жолборстай эмне кылып жатканын өзү дагы билбей калды, дароо айкырып күрөктү ала коюп Аскарды башка бир койду, ызы-чуу болуп калышканда Алтынбек шарт артына бурулду да: "Бүттү, баары бүттү, эми качышым керек", - деп колундагы күрөктү ыргытып ийип машинасын көздөй жүгүрүп жетти, мына сүйүүнүн көзү сокур деген ушул, кыздар дагы бир гана өзүн, ойлобостон ортодогу мамиле менен сүйүүнү ажырата билбей, эки жигитти тең үмүттөндүрүп бири болбосо бири деп жүрө берген кайсарлыктын азабынан болуп калды. Аскардын башына күрөктүн кыры эмес бети тийип жыгылып калганда аны өзүнүн машинасы менен оорукананы көздөй алып жөнөштү. Гүлшандын атасы кызын акырая карап:

- Кир үйгө! - деди алар менен кетип жатып.

- Бол кокуй, эми сени атаң өлтүрөт, эмненин ичинен чыктың, бу кайдагы бала эле? - деп Асылкүл Гүлшанды жетелеп үйгө киргизди, - Ал ким эле, качантан бери сүйлөшүп жүрдүң эле? - деди отургузуп алып колун кезей, - Атаңдын сырын билип туруп жөн жүрбөйсүңбү?

- Апа, мен аны сүйөм, Аскарды сүйгөн эмесмин, - деди ыйлап жатып, - Эмнеге мени ойлобойсуңар?

- Жок дегенде мага айтпайт белең, эми Аскар өлүп калса эмне болот ыя?

- Өлө берсин! - деди Гүлшан. Ал атасынан коркконунан эле эчтеке айта албай Аскарга да унчуга албай жүргөн эле.

- Ээ кокуй, ал өлсө биздин күнүбүз эмне болот, тиги да камалат, сен өмүр бою ушинтип кала бересиңби? - деди да сыртка чыгып кетти. Негизи эле өзүм билемдик менен өктөмдүктүн дагы чеги болсо, ата-эне балдарынын тагдырын ойлоп, жок дегенде оюн билип койсо мындай болбос эле. Тарбиянын да чеги болот эмеспи, чектен чыгып бузулуп бараткан болсо анда адамдын алы жетпей да калат, бирок жакшынакай жүргөн кызынын жүрөгүн, ички сезимин түшүнүп билгиси келбей ушул болду...

Алтынбек дароо эле милиция бөлүмүнө барды, анын жүзү бозоруп, кан-сөлү качып кеткенин көрүп Алибек Андашев чоочуп кетти, Алтынбек болгонун жазып анын алдына койду.

- Эмне болду? - деди ал кагазга көз жүгүртүп жатып.

- Мен киши өлтүрдүм!

- Кандайча? - деди да жанындагы сержантка кайрылды, - Сержант Аттокуров, муну алып барып камап сал!

- Жарайт, майор Андашев, - деди да Алтынбектин колуна кишен салып туруп камерага алып барып камап койду, анын ата-энеси дайынын билбей үрпөңдөп жатышкан.

- Бу баланын жүрүшү бузулду, эмне кылып жатканы белгисиз, - деп Жээнтай күйөөсүнө карай күңкүлдөдү.

- Акылы бар, балдары менен жүргөндүр.

- Ушу машинаны бекер алып бердиң, үйгө келгенин дагы койду.

- Жаш эмеспи, ойносо ойноп күлүп алсын.

- Ойнобой курусун, бирдеменин ичинен чыкса эмне болот, азыркы убакта бекерчилер болбойт, иште деп айтпайсың, - деп жинденип жүрөгү бир нерсени сезгендей кирип-чыгып тынчы кетип жатты. Шадыбек дагы сыртынан билдирбегени менен: "Чунак бала эмне кылып жүрөт, тынч эле болсо экен, үйгө келбегени эмнеси, кечээги түрү бир башкача эле", - деп өзүнчө кыжаалат болуп эшигинин алдында басып жүргөндө эки милиция келди, булар жолдогу балалуу аялдын өлүмү тууралуу келгендер эле, Алтынбек бара электе чыккан эле.

- Саламатсызбы аксакал!

- Саламат, - Шадыбек балдарды көргөндө эле жүрөгү шуу дей түштү: "Соо болгон эмес го, деги эмне болду экен", - деп өзүн кармана, - Келген экенсиңер балдар, жайчылыкпы? - деди, аңгыча Жээнтай да чыга калды.

- Аксакал, сизде жигули барбы?

- Ооба.

- Балаңыздын аты жөнүн айтыңызчы, - деди дагы кагаз калемин колуна алып жазып кирди, - Эмесе балаңыз кечээ балалуу аялды уруп кеткен, алар ошол жерден эле жан берген, - дегенде Жээнтайдын колундагы идиши шарак эте түшүп кетти:

- Ко-ку-уй! - деп чалкасынан кетип жыгылып калды. Эки милиция коркуп кармалашып калды, ал эс алгандан кийин:

- Үйгө келсе айтыңыздар, качканы менен кутула албайт, жазасы дагы оорлойт, андан көрө качпай өзү барсын, - деди да жөнөй беришти, Жээнтай менен Шадыбек шоңшоюп отуруп калышты, Асылбек жок эле, эки күндөн кийин келин киргизишмек, эки небереси эч нерсе менен иши жок ойноп жүрөт.

- Эми эмне болот, балам ушинтип камалып кетеби, түрмөгө түшөбү Шадыбек, эптеп тааныштарыңа сүйлөш, жеңилдетсин.

- Адегенде өзүн табалы, эки кишини бирдей өлтүрүп өтсө кандай болот ким билет? - Шадыбек дагы башын жерге салып отуруп калды.

- Оолда кудай ай, кандай кылам эми, түрмөгө отуруп калабы, баягыда эле үйлөнтүп койсоң болмок, анын оюна койбой аял алып берип койсок мындай болбойт эле, - деп ыйлап жатканда улуу баласы Айбек келип калды:

- Эмне болду ата, Алтынбек милицияга түшүптүр, мен барып келдим.

- Өзү барыптырбы? - деди Шадыбек токтоо.

- Ооба, экөөнү машина менен уруп кетип, бирөөнү атайын күрөк менен чаап салыптыр!

- Эмне дейт кокуй, эмне болуп кетти ага? - Жээнтай баласын үрпөңдөй карады.

- Ошондой, аның үч кишини өлтүргөн экен.

- Акмак, тим кой, түрмөдө чирип өлсүн, мен балалыктан кечтим, эч кимиңер барбагыла, - деди анан. Ошол бойдон ал балдарын да ага барууга тыюу салды, аялы ыйлап жатып көзү көрбөй калды, Алтынбекке үч айып бир тагылып он жети жылга кесилип кетти, же ата-энеси, бир туугандары барган жок...

Аскардын кара куштан жеген соккусунан сүйлөбөй дагы буту колу иштебей жалдырап жатып калды, Гүлшанды Жусупжан үйүнөн чыгарбай, окуусуна дагы жөнөтпөй үйдө отуруп калды, ал Аскардын тагдырын бузганына өзүн гана күнөөлөп Алтынбектин камалып кеткенине ичи ачышып күнөөсүн кантип түзөөрүн билбей жүргөндө анын көңүлү айнып кусуп ооруп калды, кыраа энеси гана анын сырын билип калды, ээндетип бөлмөгө алып кирди да:

- Эй бетпак, ичиңдеги бала кимден? - деди ачуулуу.

- Эмне дейсиз, кандай бала? - Гүлшан түшүнө бербей сурап калды, - Эмне деп жатасыз апа?

- Бетпак, боюңа кимден болду?

- Апа, менин боюмда жок, андай болушу мүмкүн эмес.

- Эртең сени доктурга алып барып текшертем, - деди да каалганы карс жаап чыгып кетти.

- Кантип эле, кантип боюма болуп калмак эле, андай болушу мүмкүн эмес, - деп ойлонуп отуруп Алтынбек менен вино ичкен күнүн эстеди, ошондо Аскар аябай урушкан эле. Ал шашып короого кирип келгенде эшиктин алдында күтүп турган Аскар аны колунан жетелеп бакка кирип:

- Сен кайда жүрөсүң, кечээ сага ата-энемдер менен чогуу келебиз деп айтпадым беле? - деп эңкейе жүзүнө карап алып ичкилик жыттанганынан кайра дагы кыйкырган. Гүлшан унчукпай кутулмак болду, бирок күпүлдөп жаткан Аскарга ачуусу келип:

- Эмнеге бакырасың, үйлөнбөй жатып ушинтесиң, кийин кантесиң, курсташымдын туулган күнүндө отуруп калдым, ошону сенден сурашым керек беле? - деп басып кетээрде Аскар анын колунан бекем кармап алып:

- Мындан ары менин айтканымдай болосуң, эгерде дагы өзүң биле турган болсоң анда таарынба! - деген болчу, ушуларды эстеп отуруп ошондогу ооруксунууну ойлоп жүрөгү болк этип алды: "Алтынбек, сен мени тирүүлөй өлтүргөн экенсиң да, экөөбүздүн тең тагдырыбыз талкаланды", - деп солкулдап ыйлап жатты. Эртеси Асылкүл аны ооруп калды деген шылтоо менен врачка көрсөтмөк болуп алып кетти, Гүлшанды көргөн аял доктур:

- Кызыңыздын үч айлык боюнда бар, - деди жылмая, - Кубана берсеңиз болот, неберелүү болот экенсиң.

- Рахмат айланайын, - деп Асылкүл кызын акшыя карап ымдай алып чыгып кетти, аял доктур ийин куушура таңгалган бойдон кала берди. Ал сыртка чыгып ээн жерге барды да, кана атасы баягы киши өлтүргүчпү? - деп эки ууртунан чое башка-башка чаап жиберди.

- Ооба ошол, өлтүрүп ташта мени, болбосо өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп басып кетти Гүлшан.

- Ой кыз токто, токто дейм Гүлшан! - Асылкүл толук болгондуктан ага жете албай кала берди. Гүлшан адегенде түрмөгө келди, Алтынбектин соттолуп кеткенин билип сураштырып андан анык жообун укмак болду. Акыры үчүнчү күнү тапты да жолугушууга уруксат алды, Алтынбек аны көрүп эле башын жерге салып:

- Эмнеге келдиң? - деди.

- Ушунуң чынбы Алтынбек, мени эмнеге ушул акыбалга салдың? - деди Гүлшан көз жашын төгүп туруп, - Мен атасыз баланы төрөп элге уят болгончо өлгөнүм артык!

- Гүлшан, мен сени сүйөм, ошондуктан эмне кылганымды дагы билбей калдым, кечир мени.

- Эми мага эч кимдин кереги жок, мага өлүм гана керек, кош Алтынбек, мен эми үйүмөн дагы чыктым, - деди да артына бурулуп чыгып кетти. Алтынбек, эмне кылаарын билбей калды, ал түрмөгө келгенден эле авторитеттер менен чогуу болуп алар аны сыйлай баштаган. Отуз жылдап отурган Дөө аттуу кличкасы бар "пахан" аны өзүнүн жанында алып жүрө турган, жолугушуудан капалуу кайтканын көргөн Дөө:

- Эмне болду, жаман кабар барбы? - деди.

- Ооба, сүйгөн кызымдын боюнда бар экен, ал өлөм деп кетти.

- Сен туура эмес кылган жок белең?

- Жок, экөөбүз бири-бирибизди сүйгөндүктөн ошого барганбыз, өз макулдугу менен, эми ата-энеси урушуп жатыптыр, - деп Алтынбек калп айтты, бирок көптү көргөн Дөө анын калп айтып отурганын баамдап койду да акырын өзүнүн сырттагы "көзүрлөрүнө" сүйлөшүп кызды катуу кайтарууга алып, анын чындыгын билгиле деп тапшырды. Гүлшан ыйлап-сыктап Айзадага жолукту, ал артында бирөөнүн акмалап жүргөнүн сезген жок.

- Сен эмнеге ыйладың Гүлшан, биздин тойго катышпай калдың, Аскар кандай болуп калды?

- Аскарды койчу курбум, мен аны көргүм дагы келбейт, менин боюмда бар!

- Эмне?

- Ошол, - деп эки жагын абайлай карап алды, - Алтынбек мени мас кылып зордуктап койгонун билбей калдым, адегенде эле сезгемин... Бирок аны ошого барат деп ойлогон эмесмин, - деп ыйлап жатканда жанаша отургучта гезит окумуш болуп отурган адам аны укту.

- Ай-ий жинди десе, акмак экен да, эми эмне кылайын дейсиң?

- Мен үйдөн кетип калдым, кайда бараарымды билбейм, өлгүм келген, өзүмө кол жумшай албадым...

- Жинди болбо, биз Алмаз экөөбүз элебиз, биз менен жашай бер, - деди Айзада. Ошентип Гүлшан анын үйүндө жүргөндө Урмат аны бир көрүп калып эле сүйүп калып эч кимге айтпай ала качып кетип калды, Гүлшан алынын жетишинче кыйкырып.

- Менин боюмда бар, мен кыз эмесмин! - деп кыйкырганына карабады.

Урушуп, тилдеп кое беришин суранса дагы болбоду, акыры үйүнө жеткенде аялдар тосуп алды эле Гүлшан өзү эле түшүп:

- Мени кечириңиздер, менин күйөөм өлүп калган, боюмда бар, балаңарга айтып мени кайра жеткирип коюңуздар, - дегенде бири-бирин карап туруп калышты. Урмат ага болбой эле аны үйгө киргиздирди да сүйлөшмөк болуп жанына келди:

- Гүлшан, сен келин болсоң дагы мен жактырып калдым, сени уккамын, балаңа татыктуу ата болуп берем, кетем дебе, - деди аста гана.

- Адегенде мага айтсаң болмок, кантип ушуга бардың, баарын уккан болсоң демек сен менин алсыздыгымдан пайдалангың келдиби, мен эч качан сени менен жашай албайм!

- Гүлшан андай дебе, мен сени сүйөм, сен мага ишен, - деп жалдырап жиберди, - Сенин өткөнүң жөнүндө ооз ачып кеп кылбайм, балаңды өз баламдай көрөм, - Үй ичинде эч ким жок болчу. Урмат өзү чыгарып жиберген, чөгөөлөй калып жалбарып ийгенде Гүлшан деле таш жүрөк эмес да, боору ооруп кетти:

- Сен туура эмес кылдың Урмат, баары бир көңүл калтырчу убак болот, мени тынч эле кетирип жибер, менин дагы, өзүңдүн дагы убалыңа калба, турмуш куруу оюнчук эмес...

- Билем, сен менин жанымда болсоң болду, кетем дегениңди кой, мен сени түбөлүк жар болууңду өтүнөм! - деди да чыгып кетти, Урматтын ата-энеси абдан жакшы турушчу, үй ичи толтура эмеректер, кооз килемдер менен туш кийиздер, төшөнчүлөрү андан бетер чебер уздун колунан чыккан шырдак менен ала кийиздер. Гүлшан көзүнүн жашын көлдөткөн бойдон нестейип отуруп калды.

- Айла-анайын десе, кудай кошуп койсо ушинтип эле заматта кошулуп калат, Урмат деле үйлөнүп ажырашкан, эчтеке эмес, экөөңөр бактылуу болсоңор башкасы бүтө берет, - деп апасы Бермет аппак жоолугун салып бетинен өптү.

- Ооба десең, нике кайып деген ушул да, бактылуу болгула айланайын, - деди Урматтын таенеси келип ал дагы өөп, - Мен Урматты багып чоңойткомун, жибектей созулган жигит, аялдарды жакшы сыйлайт, - деди кошумчалай.

- Эң кичүү баласы Урмат, мындан улуу эки уулу, эки эжеси бар, - деп коңшусу сөзгө кошулду, - Акыл эстүү жигит, биздин көз алдыбызда чоңойду, ар кимиси ар кайсыны айтып жатышты, акыры келин көргөндөр көбөйүп, Урматтын дос-аяштары келип бака-шака түшүп калганда Алмаз менен Айзада келип калды, Гүлшан менен учурашкан соң:

- Эмне болуп кетти Гүлшан? - деди ал, Алмаз сыртта Урмат менен сүйлөшүп калган эле, - Сен өзүң келдиңби?

- Кайдан, ала качып келишпедиби, айтканыма көнбөдү, - деп мостое жооп кылды Гүлшан.

- Кызык...

- Отур айланайын, көздүү мончок жерде калбайт деген ошол, сен кимиси болосуң? - деди төрдө балпайып отурган кемпир.

- Бирге окуйбуз, - Айзада көп сүйлөгүсү келбей кыска гана ушинтти.

- Отур айланайын, ачылып-чачылып бүлөө алып жатышат, өзүң дагы кудайдан үмүтүң болуп турган чагың экен курдашыңа бак-таалай каалап отуруп конок бол, - Айзаданын ичи билинип калган эле ошондуктан кыйытып айтты кары киши.

- Айзада отур, - деди Гүлшан дагы, ал экөө ээн-эркин боло албай турган эле, аңгыча Урмат Алмазды ээрчитип кирди. Алар конок болуп аяштары Урмат менен Гүлшанга бакыт таалай каалап отурушту. Гүлшан мисирейип кабак ачпады. Ошентип тагдыр аны таптакыр ойлобогондой турмушка туш кылды, Урмат айтканындай эле көзүнүн агы менен тең айланып жашап келет, уул төрөгөндө өзү балалуу болгондой кубанды, атын Күлчоро деп койду. Бири-бирин сыйлап жашоонун татаал жолундагы арабаны бирге айдап Күлчородон кийин дагы бир уул төрөдү, анысын Калчоро деп балдарынын сүйүктүү ата-энеси болуп ушул күнгө чейин жашап жатышат. Урмат кийин шаарга келип там сатып алган, Күлчорого өгөй атадай мамиле жасаган жок, Калчоросуна караганда аны жакшы көрөт, университетке окутуп койгон, арадан он алты жыл өткөндө Алтынбек түрмөдөн чыгып келди. Ата-энеси өтүп кеткендиктен ага-иниси аны жакшы кабыл алышпады. Ушуларды ойлонуп отуруп түрмөдөгү бир окуяны эстеп өзүн жек көрүп кетти... Алтынбектин айтканын тактап болгон "паханы" өзүнө чакырып алды да ошол эле күнү адегенде өзү "катын" кылды, анан терс карап шымын өйдө кылып жатканда Алтынбек ызалуу:

- Менин күнөөм кайсы аке, мен сизди сыйлачу элем, - деди.

- Сен эркек эмессиң!

- Эмнеге, айыбымды айтыңызчы?

- Эгерде сен өзүң сүйгөн кызды сыйласаң тийбей коюшуң керек болчу, мына бул ошол үчүн жаза!

- Ким айтты аны?

- Бизден антип сураба, эркиндикте эмне болуп жатканы адегенде бизге жетет, сен кыз сүйүүсүнө да арзыбайсың!

- Мен аны катуу сүйгөмүн, кызганычтан канча кылмыш болуп кетти, баары ошо кыздын кесепети...

- Мындан ары сен бур жердегилердин эрмеги болосуң! - деди да Дөө басып кетти, ошондон баштап Алтынбектин көргөн күнүн ит көрсүн, түндөсү уйку беришпейт, канча жылдап, айлап аял көрбөгөндөр балга үйүлгөн чымындай эле үйүлүп калды, күндүзү кирлерин алып келип таштап коюшат, керээлден кечке кир жууйт, Дөөнүн денесин ушалайт. Акыры чыдамы кетип бүткөндө отуруп алды.

- Ээй, сен эмнеге укпайсың? - деди бири келип ошондо.

- Эмне кылышым керек эле? - Алтынбек кекете карады.

- Сени "пахан" чакырып жатат.

- Өзүң бар!

- Кирлерди жуубайсыңбы.

- Өзүң жууп ал!

- Сенин тилиң чыгып калган экен, - деп ал муштап жибермек болгондо Алтынбек анын колун кармап калды, козголо албай калган ал, - Сен көпкөн экенсиң, эркектердин эрмеги болгонуңа! - деди эле аны бир колу менен тумшукка берип калды, учуп түшкөн неме бир аздан кийин боз ала чаң болуп ордунан турду да "паханга" арызга отурду, ал дагы бөлөк төртөөнү жөнөттү. Алтынбек алардын келээрин билип, өзүнө сак турган, алар келип тегеректеп калганда отура берди, ага жини келип турган Дөөнүн жардамчысы:

- Эй, эмне кылып отурасың? - деди.

- Ойлонуп отурам.

- Эмнени, же эрке "катын", болгуң келип турабы? - деди эле жанындагылар каткырып жиберишти.

- Сен каалайсыңбы? - деп тура калды Алтынбек, - Мен сага "приоемдорду" азыр эле көрсөтөйүн!

- Ушул жерденби? - деди ал ырсая.

- Ооба, кана даярсыңбы? - деди да үчөөсүн үч жакка тээп-тээп жиберди, - Кана, эмки кезек сеники.

- Меники болсо меники да, сени экинчи ооз ачкыс кылайын, - деп ал мушташмак болуп даярданып калганда Алтынбек аны дагы чиренип туруп тээп калды, ошол кезде беркилери туруп төртөөлөп калганда Алтынбек аларды буйдамга келтирбей эле жыгып коюп өз хатасына кетип калды. Пахан ойлонуп калды: "Бекер кылган экенмин", - деди да:

- Тим койгула, тийишпей жөн койгула, - деди.

- Азамат экен, күч бар тура, - деди бири акырын.

- Адам кээде байкоостон жаңылып калат, жаралуу жолборс экен, жарасы айыксын, - деди Дөө. Ошондон кийин ага эч кимиси тийишпеди, катылбады, өзү дагы эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү болуп калды. Ага бир күнү Алмаз келди, анын иши жүрүп абдан көтөрүлүп калган, Айзада уулдуу болгондон бери үйдөн чыкпайт, ата-энеси Алмаздын жалгыз уул экенин билгенден баштап өздөрү көтөрмөлөп жумушка орноштуруп коюшкан, шаардан бир бөлмө үй алып киргизип койгон. Алмаз Алтынбекке атайын жолукканы келип экөө учурашкандан кийин ага карап:

- Алтынбек, акыбал кандай анан? - деди.

- Нормально.

- Убакыт өтүп жатат, - деди башка сөз таппай.

- Өтүп жаткан убакыт да.

- Эмнеге шайтандын ишине кирдиң, мен дагы түшүнбөй калдым.

- Болоор иш болду да, Гүлшанды көрдүңбү?

- Ал турмушка чыккан, уулду болуп калды.

- Каякка, кимге чыкты? - Баятан бери көңүлсүз отурган Алтынбек Алмазга кадала карады.

- Урмат деген бала, мурда аял алып кое бериптир, ала качып кетип жашап калышты, экинчиси боюнда бар дейт, Айзада барып турат, - деди Алмаз.

- Да-а, Гүлшан мен жөнүндө сурабайбы?

- Жок, сүйлөшпөйбүз, күйөөсү абдан жакшы, көзүн эле карап турат экен, улуусу эки жаш болуп калды, - Алмаз Алтынбектен бала жөнүндө сөз чыгабы деп күттү.

- Эки балалуу болгонго жетишкен экен да, - деди Алтынбек ашыкча сүйлөгөндөн коркуп, анткени ошонун жазасынан улам ал эч адам менен сүйлөшпөй түнт болуп бараткан эле, - Балаң бар экенин билесиңби?

- Боюмда бар деп келип кеткен.

- Гүлшанбы?

- Ооба, колумдан эмне келмек...

- Сага абдан окшош, аты Күлчоро.

- Күлчоро де, чын эле мага окшошпу?

- Укмуш окшош, бирок Урмат аны бөлөксүнтпөйт, өз баласындай үйрүлгөнүн көрдүм, биз барып көрүп келгенбиз.

- Мейли, чоңое берсин, - деп койду да телмирип отуруп калды, жанындагы Алмазды дагы унуткандай.

- Мен барайын, буларды сага алып келдим, кол бошогондо келип турам, - деди Алмаз өйдө болуп.

- Анда жакшы бар, Айзадага салам айт, уулуңду өөп кой досум, менин атамдар кечип ташташты, же бир туугандарым, же ата-энем кабар албай коюшту, бир барып мага кабарын алып бере аласыңбы?

- Макул барып көрөйүн, - деди Алмаз, ал атасынын ооруп жатканын, апасынын көзү көрбөй калганын уккан, бирок азыр аны айткысы келбеди, акыбалын көрүп эле баягы жаркылдаган Алтынбектин таптакыр башка адамга айланганын көрүп боору ооруду. Коштошуп чыгып кетти, ошол бойдон Алмаз дагы дайынсыз болуп кетти, туура он жыл дегенде улуу агасы Айбек келди, андан ата-энесинин өтүп кеткенин билип өкүрүп ыйлады, өзүн зорго кармап агасы менен коштошту. Асылбек ошол убакта үйлөнбөй калган, анын сүйлөшкөн кызынын ата-энеси: "Киши өлтүргүчтүн үй-бүлөөсүнөн эмне табасың кызым, болду, эми ага бербейм", - деп койгон. Эки жылдан кийин аял алып үч балалуу болгонун билди: "Менин кесирим баарына тийди, эми эч нерсенин кереги жок, мен өлгөн адаммын алар үчүн", - деп ойлонуп алды: "Ошондо Гүлшанды ала качып кетип калсам эмне, атасы кайда бармак эле, өз тагдырымды өзүм чечип алдым, акырына чейин өзүмдү-өзүм жазалап жүрүп өтөм", - деп алды өзүнө өзү. Он үч жыл өткөндө Гүлшан келди, ал балкайып толуп алыптыр, кирип келгенде эле Алтынбек аны кучактап калды:

- Кечир мени Гүлшан, мен сени алигиче сүйөм, акыбалың кандай, уулум кандай өсүп жатат?

- Баары жакшы Алтын, сен менин сага деген жүрөгүмдөгү жалындуу отту суу сепкендей жалп эттирип өчүрдүң, неге ошого барганыңа эмдигиче башым жетпейт, - Гүлшан ойлуу карап салмактуу сүйлөп отуруп сурады.

- Өзүм дагы билбейм, сен Аскарга убада берип койгон эмес белең?

- Кайдагыны айтасың?

- Мен анын сени кучактап турганын эки жолу көрдүм...

- Демек баары кызганычтан дечи?

- Ооба, мага дагы, ага дагы бирдей мамиле жасаганың мага жаккан жок, айтчы ага дагы көңүлүң бар беле?

- Сен ошондой ойлой бер, а деп, бу дегенде не пайда, баары бүтпөдүбү, менин келгеним бирөө гана, балага мен атаңмын деп айтчу болбо, Урматтын дагы анда эмгеги көп, чоңойгондо атасы башка экенин билсе кандай абалда калат, мунун баарына өзүң күнөөлүүсүң, кош аман бол! - деди ордунан туруп.

- Гүлшан, мен балама ата боло албаймбы?

- Кантип?

- Макул анда, - деди ордунан козголбой туруп. Гүлшан чыгып кетти, Алтынбек үнсүз көпкө отурду да анан хатасын көздөй башын жерге салып кетип жатты.

Аскар ооруканада, үйдө болуп абдан кыйналды, апасы Бурул Гүлшан менен Алтынбекти каргагандан тажабайт, тили сүйлөп, көзү көрүп, кулагы угуп бир гана буту баспай көзү жалдырап жатып калган.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, баламды өмүр бою ноокас кылды, жакшылык көрбөсүн, - деп дагы каргап кирди эле Аскар апасына нааразы боло сүйлөдү:

- Апа, көп эле каргай бербе, бу да болсо пешенеге жазылган бир шордур, шордон арылып кетээрмин, андан көрө менин сакайып кетишимди тилечи, - деди жүзүн бура.

- Койкоюп тим эле эрге тийип алып жашап жатыптыр, сага да, ага да жок болду го, түрмөдө чириген өлүгүңдү көрөйүн десе.

- Ушуга шүгүр дебейсизби, мен өкүнүп жатам ушундан көрө биротоло күрөктүн кыры тийип өлгөнүм жакшы эле...

- Кой каралдым анте көрбө, доктур үмүт бар дебедиби, буйруса сакайып кетесиң, - деп Бурул баласынын жанына отурду, - Эч кабатыр болбо садагаң кетейин, эртең кайра ооруканага жатасың, атаң аракет кылып жатат.

- Кереги эмне, укол-дарыдан тажап кеттим апа, сиз жанагынтип башкаларды каргабай жүрүңүзчү.

- Макул садагам, сага оор тийсе айтпайын, - деп ичинен тына, жүрөгү зырп эте ордунан турганда күйөөсү кирди.

- Бурул, эртең чет элден чоң профессорлор келет экен, үч төрт гана күн турушат экен, анткени атайын чакырышыптыр, ошого көрсөтөлү дейт, - деди Улукбек аялына.

- Кудайдан болуп бир шыпаасы тийип калса ажеп эмес, алып баралы, - деп Бурул кубана күйөөсүн карады, - Отур тамак даяр, алып келейин, Аскардын дагы карды ачты.

- Апа, менин эчтекеге көңүлүм жок, өзүңөр иче бергиле.

- Ошол болчу беле? - Улукбек баласын ормое карады, - Сага күчтүү бергиле деп жатпайбы доктур, анан буту колуңду ушалап тез-тез массаж жасаш керек дейт. Эки жылдан ашык төшөктө жатканга тарамыштар тырышып калат экен, сен өзүңдү сакайып кетем деп ишеничтүү болушуң керек, - деп Улукбек уулуна акыл-насаатын айтып отурду.

- Ээ ата, кайдан эми басмак элем, ал чет элдиктерге толгон акча болсо анан карайт, - деп Аскар такыр ынабады. Акыры аны ой боюна койбой ооруканага алып барып жаткырышты. Көпкө жатып калды, Аскарды караган Мээрим анын историясын көпкө карап отурду, негедир бул жигит анын жан дүйнөсүнө бүлүк салгандай болду. Мээрим отузга карап калса дагы турмушка чыга элек, өзү бир үйдүн жападан жалгыз кызы, атасы дагы өтүп кеткенине бир топ жыл болду, апасы экөө шаарда турушат. Мурда башка врач карачы, Мээрим жакында эле келген, өзү абдан мээримдүү, жумшак мүнөз кыз. Ал ушул убакка чейин окуу деп жүрүп жигиттерге такыр көңүл да бурбаптыр, Аскарды көргөндөн бери өзүн кызыктай сезип калчу болду, бүгүн дагы үйүнө кеч келип кийимин которунуп жатканда:

- Кызым, неге кеч келдиң? - деди Зуура.

- Оорулуу көп апа, ар кандай оорулуулар бар, кээсин карап туруп бооруң ооруйт, чарчап кеттим, - деп апасын өбө жанына отурду.

- Элдин батасы тийсин кызым. Эми өзүңдү ойлой турган кез келди го, - Мен деле картайып баратам, сенин бактылуу болуп бала сүйгөнүңдү көрүп көөнүм тынса болот эле.

- Апа, ар нерсенин өз убагы болот, капалана бербечи, анын үстүнө оорулууларга доктордун жакшы сөзү, жылуу мээрими аба менен суудай керек, укол-дарыдан дагы мурун алдыдагы жашоого үндөш керек, - деди ойлуу, - врач деген ар дайым оорулууга жакшы үмүт тартуулоосу зарыл.

- Садагаң кетейин десе, сени эл керегине жараса экен деп атаң кыйын үмүт кылчу эле, жакшылыктарыңды көрбөй кетпедиби, - деди Зуура ойлуу, Зуура эгиздин түгөйү, түгөйү Батма беш балалуу, күйөөсү кызматтарда жүрүп пенсияга чыккан. Эже-сиңди бири-биринне тез-тез катышып турат, Мээримди ошол Батманын күйөөсү Закирдин окуткан.

- Чарчадым апа, жатып эс алалы, эртең кайра жумуш, эртерээк барышым керек, - деп Мээрим өз ордуна жатып калды.

- Менин айтканым дагы жоопсуз калдыбы кызым?

- Азыр эрте апа, дагы убакыт бар.

- Отузга карап калдың, эми турмуш курууга жетти жашың, илгери он беш, он алты жашында эле берип койчу экен, сенин жашыңда беш балалуу болуп калышчу, мен сени жыйырма экимде төрөгөмүн, сенден башка бала бербеди кудайым, ушуга дагы шүгүр, деп жүрдүк атаң экөөбүз...

Мээрим апасынын андан аркы сөзүн укпады, уйкусу качып телмирип шыпты тиктеп ойго чөмүлдү: "Жапжаш экен, менден эки гана жаш айрыма, кандайча минтип калды, катуу сокку жегенден жүлүнгө доо кетсе керек, же суу толуп кеткен, болбосо жүлүнгө катуу доо кеткенден куурап бараткан, кайрадан текшерүү керек, эрте туруп ооруканага келип палаталарды кыдырып келип Аскар жаткан бөлмөгө кирди:

- Саламатсыздарбы, акыбалдар кечээкиден дуруспу агалар? - деп жаркылдай ар бирин көрүп келип Аскардын жанына келди, - Акыбалыңыз жакшыбы?

- Баштакыдай эле...

- Канча болду?

- Эки жылдан ашты.

- Мм, - Мээрим Аскарды бир карап кайра көзүн тартып алды, анткени ал муңая карап турган экен, - Толук текшерүүдөн өтүүңүз керек.

- Кереги жок! - Аскар жүзүн буруп кетти, - Болбогон нерсеге убаралануунун эмне кереги бар, менин үмүтүм эчак өлгөн!

- Андай дебеңиз, адам жарыкчылыктан үмүт үзбөшү керек, өмүр менен алышуу кыйын деңизчи, бирок жакшы үмүт менен жашоо керек, ар бир таңды сизге жаңы тартуулап, ар бир мүнөтүңүздү жаңы дем менен өткөрүшүңүз керек, өзүңүзгө-өзүңүз дем берип: "Мен сакаям, сөзсүз сакаям", - деп ойлосоңуз сөзсүз сакайып кетесиз, - деди жылмая Мээрим.

- Кайдан,ошону ойлогум да келбей калды.

- Жок, анда сиз өзүңүздү кайра оорутасыз, ишеним адамдын эң ишеничтүү күчү, аракет кылып сиз бизге жардам бериңиз, мурунку жакшы күндөрүңүздү көбүрөөк эстеңиз, жагымсызын ойлобоңуз, - деди да ордунан турду, -Анан кыздар келип кан алат, эртең калган анализдериңизди толук тапшырыңыз, андан кийин аракет кылабыз, - Мээрим Аскардын көздөрүнө карай күлмүңдөй чыгып кетти.

- Жарайт, - деген Аскар: "Не деген көздөр, өтө мээримдүү, өтө жумшак мүнөз, аттиң мен эмнени ойлоп жатам, ушул абалымда кимди сүйө алам, мен жарым жандуу майып адаммын", - деп жуурканды тырыштыра мыкчыганын өзү сезбей калды, анткени анын колу буту жансыз селейип калган эле: "Колум кыймылдадыбы, ырас эле колум кыймылдады", - деп кубанганынан ыйлап ийди, кайра кайра колунун салааларын кыймылдатып жатты, ошол убакта карындашы Ыргал келип агасынын ал-акыбалын сурап калды, тамак аш көтөрүп келиптир.

- Жылыш барбы аке? - деди ал агасын аяй карап.

- Күндөгүдөй эле го.

- Кудай жардам кылаар аке, сакайып кетесиз, - деди анан муңая, келип акыбалын сурап келген туугандарынын баары ушинтип көңүл көтөрүп: "Сакайып кетесиң", - дегенине көнүп калган.

- Рахмат, өзүңдүн балдарың чоңоюп жатабы? - деди башын ийкей, - Марс иштеп жатабы?

- Ооба, иштеп жатат, балдар деле жакшы, мен барайын анда аке, - деди Ыргал.

- Бара гой, - деди Аскар, төшөк ичинен салааларын кыймылдатып жүрөгү лакылдап кубанып жатты: "Массаж жасаса басып кетет экенмин, апама айтайын", - деп ойлоп алды, ошол күнү Мээрим андан анализдерин алдырды, эртеси мача менен калын тапшыртты, бир жумадан кийин анализдин жыйынтыгын көрүп Мээрим кубанып алды: "Демек басып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар, дарылоо гана керек", - деп ойлонуп палатага кирди.

- Байболов, сизде мүмкүнчүлүк бар, сөзсүз дарыланышыңыз керек, мен сизге жаңы назначение жазамын, - деди күлүмсүрөй.

- Рахмат, менин дагы тилегеним ушул, колумдун башы кыймылга келип калды, - деп Аскар аны кубанычтуу карады.

- Ыраспы, андай болсо жакшы, - деп Мээрим үстүндөгү одеалды ары түртүп колдорун кармап көрүп, чыканакка чейин кармалап көрүп, - Сиз өзүңүз аракет кылыңыз, жаңы укол дарылар сөзсүз жардам берээрине ишенем, - деди да ордунан турду, - Жакшы жатыңыздар!

- Жакшы барыңыз, - Аскар терең дем алып алды, - Кандай назик жан, - деп алганын байкабай калды.

- Врачтар ушундай болуш керек, - деди жанында жаткан Азиз деген жигит, - Кээ бири абдан орой болот, андай врачтан жүрөгүң ооруп кайра оорушуң мүмкүн.

- Албетте, - деди олбурлуу улгайыңкы ак чач киши, - Адам, айрыкча оорулуу киши жакшы сөзгө муктаж болушат.

- Бул кыз абдан мээримдүү дагы жапакеч экен.

- Бойдок дейби? - деди Азиз күлүңдөй.

- Ой аны эмне кыласың уят, бойдок болсо болгондур, экөөбүзгө эмне...

- Күйөөгө чыга элек деп уктум.

- Бирөө укса уят, - деп тамашалашып калганда Аскар өкүнүп калды: "Кайдан дагы байкабай угузуп алдым эле", - деп, ошентип анын жашоосуна бир жакшы сезим пайда болду, үмүтү жанып, келечегинен көптү күтүп оорусунан сакаюуну тилеп жатты. Күндө Мээрим өзү келип көрүп, кан басымын текшерип турат, арадан он беш күндөй өткөндө Аскарды ордунан тургузуп ары-бери жетелеп күндө карындашы, агасы болуп келип жатып такандап баса баштады. Акырындап баса баштаганда бир күнү Мээримдин кабинетине атайын өзү келди, ал аны менен эптеп сүйлөшкүсү келген эле. Аттиң, адам баласынын үмүт-тилеги кандай гана ыйык, анан дагы бийик. Аскар сакая баштагандан бери жүрөгү ордунда эмес, жанына келген врач кыздан сүрдөчү болду, айрыкча анын мээримге толгон көздөрүн көргөндө жүрөгү бир булкуп алат да көпкө чейин дүк-дүк этип токтобой калат. Эшик тык-тык урулганда:

- Кириңиз! - деди Мээрим жазып жаткан кагаздан баш көтөрбөй, - Кире бериңиз.

- Уруксат бекен?

- Аа-а келиңиз, - деп ручкасын көтөрө туруп калды.

- Мээрим Сагынбаевна, мен үйгө чыга берсемби деп келдим эле...

- Өзүңүздү кандай сезип калдыңыз?

- Дурус, кудайга шүгүр.

- Эң сонун, ошентсе дагы азырынча жата туруңуз, уколду толук алып бүтсөңүз анан руксат беребиз, - деди ойлуу, - Ар бир айда көрүнүп турушуңуз керек.

- Жарайт Мээрим Сагынбаевна, - деп Аскар кызды сырдуу карап жылмайып койду, - Чынын айтсам уколдон тажап да кеттим, көрөйүн деген көзүм калбай калды.

- Андай дебеңиз, ошолордун пайдасы барынан минтип кабагыңыз ачылып, жашоого жакшы көз карашта болуп отурасыз да, - Мээрим "чын айтамбы", - дегендей күлүмсүрөгөндө Аскардын көзү аргасыздан ылдый карады, ооба ал ушул назик, мээримдүү кыздан абдан сүрдөчү болгон.

- Эмесе мен барайын, - деди Аскар өйдө болуп.

- Жылуу жатыңыз, азыр жазгы суук эски дартты козгойт, урунбагандай болуңуз, уколдордун таасирин жоготуп аласыз.

- Жарайт, - деп күлүп койду Аскар, анан эшикти ачып чыгып палатага келип жатып калды: "Кантип сүйлөшө алам, мен сени сүйүп калдым десем күлүп мазактайт го, азыр эрте, дагы убакыт өтсүн, бара-бара жакшылап басып кетсем анан келип турам", - деп ойлоп өзүн тынчтандырып алды. Ал кээде Гүлшанды ойлоп калат, бирок аны күнөөлөй албайт: "өңдүү-түстүү жаш кыз болсо кимдер сүйбөйт, балким сүйлөшүп жүргөндүр, атасынан айбыгып айта албагандыр, кантсе дагы көңүлүмдү калтырбады, терс бурулбады, өзү дагы өтө назик болчу, ак көңүл эле", - деп ойлонуп алды: "Бактылуу болсун, ар ким өз тагдырынын кулу эмеспи", - деп койду улутуна. Арадан дагы он чакты күн өткөндөн кийин ал үйүнө чыгып келди, өтө кадимкисиндей болбосо дагы аздап басканына абдан кубанып жүргөн убагы, ата-энеси үйүнө кирээрде ырымдап башынан суу айлантып чачып, анан түлөө өткөрүштү. Күндө бир маал массаж жасашып, мазь сыйпайт, акыры он күн болгондо кайра врачка көрүнүүгө келди.

- Саламатсызбы Мээрим Сагынбаевна? - деди кабинетке баш багып.

- Келиңиз, акыбалыңыз кандай?

- Эң жакшы, сизге рахмат Мээрим Сагынбаевна.

- Рахмат, - Мээрим күлүп анан ага көңүл бура карады, - Мени атымдан эле айта бериңиз.

- Жарайт, чынын айтсам сиз мага кудайымдай эле көрүнүп калдыңыз.

- Коюңузчу, - деди да Аскарды бир азга ойлуу карап туруп, - Келиңиз, текшерип көрөлү, - деп тамырын кармап көрдү, - Бир аз жүрөгүңүз алсыз согуп жатат.

- Кийинки кездери жүрөк ошентип баратат.

- Эмнеге? - деп бырс күлүп койду, ошол кезде кабинетин эшиги кагылды, - Кириңиз, - деди эшик тарапка көз жиберип.

- Мээрим Сагынбаевна, сизге муну берип кой деди, - деп медсестра гүл көтөрүп кирди.

- Ким экен?

- Билбедим.

- Вазага салып кое бер.

- Жарайт, - деген медсестра илбериңки кыймылдап кайра чыгып кетти.

- Кандай бактылуусуз? - деп койду Аскар.

- Неге?

- Жүрөгүңүздүн теңи болууга ашыккан немелер бар экенине.

- Жо-ок, азырынча жумуштан өткөн зарыл ишим жок.

- Жүрөгүңүз эбак ээленгендир?

- Азырынча бо-ош, - Мээрим күлүп гүлдү карап койду, - Сакайып чыккандар дайыма ушинтишет, ыраазылык билдиргени го?

- Болушу мүмкүн, мен кете берсем болобу?

- Отура туруңуз, дагы башка укол жазып берейин, эки маал он күн аласыз.

- Денемдин баары эле дары болуп калды го?

- Эчтеке эмес, башкысы сизге таасир беришинде.

- Туура айтасыз.

- Эми бара берсеңиз болот, - деп кагазды колуна берди, - Тез сакайып кетиңиз.

- Рахмат жакшы калыңыз.

- Жакшы барыңыз, - деп Мээрим эч нерсе болбогондой алдындагы кагаздарына үңүлдү, Аскар чыгып кетти. Мээрим гүлдүн жанына келип жана байкаган кагазды карады: "Бул ким болуп кетти экен", - деген ойдо кагазды алып ачып: "Салам Мээрим, иш күндөрүң кандай өтүп жатат? Ден-соолугуң жакшыбы? Мен сени кечке маал сырттан күтөм", Арзымат. 1986-жыл 07.03", - деп коюптур. Мээрим Арзыматты таанычу, ал дагы врач, бирок төрт балалуу, аялы бар, Мээримдин жини келип кетти: "Жинди неме го, үй-бүлөөсү турса мен аны менен кайда барат экенмин", - деди да өз ишине киришти. Кечке маал жумуш бүткөн саатта Мээрим арткы эшик менен чыгып кетип калды. Үйүнө келсе дагы бир жаңылык бар экен таңгалганынан күлкүсү келди. Анткени өзүнүн эле таежеси Батма эң кенже уулуна Мээримди алып бермек болуп Закирдин иниси Бакирдин, эжеси Моймол, таежеси Батма болуп күтүп отурушкан экен. Учурашкан соң Зуура кызын ымдай сыртка чакырып чыкты:

- Эмне болду апа, жайчылыкпы деги?

- Жайчылык эле, Үрүстөмдү билесиң, эжем атайын сени келин кылып алайын деп келиптир.

- Апа, таежем оорубай элеби?

- Сопсоо эле кызым, мага дагы жакшы болбойбу?

- Жок апа, жакшынакай сыйлап узатып ийиңиз, мен эч качан Үрүстөмгө чыкпайм! - деп Мээрим өз бөлмөсүнө өтүп кетти, Зуура үн дей албай кайсактай ичке кирди. Закирдин ага кайрылды:

- Балдыз, Мээрим эмне дейт?

- Жезде, өзүңөр түшүнөсүңөр да...

- Таеже, - деп ошол убакта Мээрим ички бөлмөдөн чыга калды, - Апамдын башка эч кимси жок, сиз анын баарысыз, апам мени сизге берсе кайра жакындайсыңар аны билем, бирок силердин үмүтүңөрдү актай албай Үрүстөм экөөбүз жашап кете албай калсак экөөңөр карыган кезде терс карашып калсаңар эмне болот, ушуну ойлодуңарбы жезде, андан көрө ушинтип бири-бириңерге сый менен катташып турганыңар жакшы эмеси? - деди кызуулана.

- Мээрим, биз мындан дагы таттуулашып калабыз деп жатпайбызбы? - деди Батма.

- Жо-ок таеже, тагдыр менен ойноого болбойт, кандай болоорун ким билет, Үрүстөм экөөбүздүн кыял-жоругубуз келишпей калса силер эле кыйналасыңар.

- Мээрим туура айтат, - деди Закирдин, - Эң туура сөз болду, балдызым жалгыз кызынан жакшылыкты көрсүн, эл күтсүн, чыны менен эле экөө жашай албай калышса терс карашып жаман көрүнүшпөй тынч бололу, - деди Батмага кайрыла.

- Эми-и, мен өз эмеспи, карыган чагымда жакшылап карайт, колумда болот деп ойлодум да.

- Капа болбоңуз таеже, балаңызга дагы бирөө буйруп тургандыр, - деп жылмая таежесин карады.

- Конок болуп кеткиле эми, анда-мында келсеңер анан, - деп Зуура күлүп Мээримге карады, - Тамак бышкандыр балам.

- Кой кетели, - деди Батма таарынгандай.

- Отуруңуз эми таеже, бышкан ашты таштаган болмок беле? - деп жанына келип эки бетинен өөп, - Эки кыз экенсиңер, таптакыр таппай калгансып кудагый болуп алганыңар кантип болсун? - деди.

- Мейли садагаң болоюн жоокерим десе, сендей эле жаркылдаган келин жолукса кана, эки келин болсо өздөрү менен өздөрү, - деп Батма күлүп калды.

- Эч кабатыр болбоңуз таеже, жакшы келинге жолугасыз, улуу келиндериңиз жакшы го, биринчи көч кайда кетсе кийинкиси ошол жакка кетет деп айтышат го, - деп Мээрим таежесин жайгара сырткы бөлмөгө чыгып даяр тамакты арыдан бери алып келе калды. Сүйлөшүп, ар кайсыны айтып отуруп анан үйлөрүнө кайтышты. Алар кеткенден кийин Зуура кызына капа боло минтти:

- Канткен менен өзүбүз эмес беле балам, бекер кылдың.

- Апа-а, сен өзүң ойлосоң, бир тууганың экөөңөр кудагый болуп алганда, мен сени менен жакшылыгымда бир бактылуу болуп сый көрүп эл күтсүн, куда-кудагый күтсүн деп жатам, алар менен бир туугандык сыйыңар жетет апа.

- Анда тезирээк күйөө балалуу кыл!

- Ыя? - Мээрим күлүп ийди, - Мени ал деп кимге айтайын?

- Анан эмне болбойсуң, жашың өтүп баратат, отуздан кийин ургаачы пасаят, көп жүрсөң убактың дагы өтөт, сенин балаңды көрүп бир кубанып колума алсам боло! - деп Зуура муңая түштү.

- Шашылба апа, буйруса аны дагы көрөсүң, эми эле элүүдөн аштың го, жапжаш элесиң, балдарымды колуңа алмак турсун жетелеп айылчылайсың, - деп Мээрим апасын мойнунан кучактап алып саамга ойлуу туруп калды.

- Мейли садагаң кетейин, ажал айтып келбейт дейт, кары жашка карабайт экен, атаң байкуш дагы уул балам жок дебей арманы ичинде болуп өтүп кетти...

- Апа, атам сени сүйсө керек ээ?

- Койчу балам, кайдагыны айтасың да, - Зуура мулуңдай күлүп кызынын колун мойнунан алды, - Үйлөнүп балалуу бол деп да айттым, такыр болбой койду, ажырашкысы келбеди.

- Сени сүйгөнү үчүн ажырашкысы келбегендир, бир тууган көп болсо ашыктык кылмак эмес, мага деле караан болмок.

- Аны бир айтасыңбы, миң айтасыңбы, - Зуура үшкүрүп ийди.

- Болду эми, кайгырбай эле кой, пешенеге жазганы да, эс алалы ээ апа?

- Жаталы кызым.

- Эртең мен кечирээк келем апа, бизде иштеген кыздын туулган күнү.

- Мейли, аман жүрсөң болду, - Эне-бала унчукпай жатып калышты, өз-өзүнчө ойго батып алган, эне кызынын бактысын жараткандан тилеп: "Ээ жараткан жалгызымдын өмүрүн узун кылып бактысын ача көр, бала-чакалуу болуп очор-бачар, ордолуу шаарга айланса экен, жалгыздыгы билинбей бактылуу болсо экен", - деп жатты. Мээрим өзүнчө: "Аскар абдан жакшы жигит, ал мен жөнүндө кандай ойдо болду экен, мен аны өзүм жактырып калдым окшойт, кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат, - деген туура, ушунча жүрүп бирөөнү сүйбөптүрмүн, эми кандай болот", - деп ойлоп уктай албай ооналактап жата берди. Түн бир оокум, сыртка чыгып көпкө турду: "Жо-ок, мен өзүм айтканым болбойт, кандай болсо дагы өз намысымды ойлошум керек", - деп ойлонуп таң сүрө баштаганын көрүп керилип алды: "Жаңы атып келе жаткан таңды тосуу кандай жакшы, чиркин өмүр, билинбей өтө берет тура, канчалык өзүмдү жаш сезейин десем дагы отузга барып такалып, өзүмдөн кийинкилерди көргөндө пасая түшөм, апам туура айтат, эми өсүүм токтоп барган сайын пастаят экенмин, кандай тагдырга туш болоор экенмин", - деп үйгө кирсе апасы уктап жатыптыр: "Уйку кандай ширин ээ, а жашоо андан да таттуу, кызык көрүнөт", - деп ойлонуп төшөгүнө кирип жатып алып бир аздан кийин көзү илинип баратканда кайра турду: "Баса бүгүн 8-март эмеспи, шашпай эле барайын, Светанын туулган күнүнө барып кайтам", - деп жатып уктап кетти. Таттуу уйкуда жатканда аны Зуура ойготту:

- Мээрим, ушунча дагы уктайсыңбы кызым?

- Апа, бүгүн жумушка барбайм.

- Эмнеге?

- Бүгүн майрам да, - деп кериле эстеп алып тура калды, - Майрамың менен апа! - деп кучактап эки бетинен өөп алды.

- Ыракмат кызым, өзүңдүн дагы майрамың менен!

- Рахмат апа, бүгүн Ала-Тоо аянтына барып келели ээ?

- Макул кызым, бир аз сейилдеп элди көрүп келели, - Эне-бала кеңешип таңкы чайын ичип отурушту. Андан кийин кийинип алды дагы ээрчише троллейбуска түшүп аянтты көздөй жөнөштү. Кыдырып жүрүп Мээрим апасына белек сатып берип ашканага киришти, саатын карап алып:

- Апа, эми үйгө бара бер, мен барып калам, күтүп калышпасын, - деди.

- Мейли сен бара бер, - деди Зуура. Мээрим шашыла жөнөп кетти, Зуура үйүнө келип кечкиге даярданып жатты. Мээрим ооруканага шашыла келип кирип баратып Аскарды көрдү, ал аны байкабай эле колуна гүл алып алып бери карап бирөө менен сүйлөшүп турган экен, Мээрим байкамаксан болуп кирип баратканда:

- Мээрим Сагынбаевна! - деген үндү угуп токтой калса Аскар, - Майрамыңыз менен! - деди ал жете келип, - Келсем жок экенсиз, - Гүлүн сунду.

- Рахмат, көп күттүңүзбү?

- Эчтеке эмес, канча болсо дагы күтмөкмүн.

- Рахмат, эстеп койгонуңузга.

- Койсоңузчу, сиздей дарыгерди унутканда болобу?

- Макул - Макул, - деп Мээрим күлүп калды.

- Мээрим Сагынбаевна, сиз каршы болбосоңуз чайга чакырсам дедим эле, - деди Аскар ызаат кыла суранып.

- Аскар, мүмкүн болсо Мээрим деп эле айта бериңиз.

- Рахмат Мээрим, сунушума кандай дейсиз?

- Бүгүн бизде бир аз убакытты ала турган иш бар эле...

- Андан кийин, саатты айтсаңыз келип калам, - дегенде Мээрим: "Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт, апама күйөө бала керек", - деп ойлонуп жылмайып алды, Аскар ыңгайсыз абалда калды.

- Ойлонуп көрөйүн. - деди Мээрим.

- Жарайт, күн бою күт десеңиз да күтөм.

- Эмнеге, алтындай убактыңызды бөлүүгө болобу? - Кыз сынай карады, - Кыйбас адамдарыңыз күтүп калбас бекен?

- Сиздей адамды өмүр бою күтүүгө даярмын, - Ошол убакта ооруканадан чыгып келе жаткан Арзымат көрүндү, Мээрим аны көрүп терс бурула Аскар жакты карап калды.

- Саламатсызбы Мээрим Сагынбаевна?

- Саламатчылык.

- Майрамыңыз менен.

- Рахмат.

- Убактыңыз болсо...

- Жо-ок Арзымат Бекболиевич, убакыт ушундайда табылабы, бүгүн дүйнөдөгү аялзатынын майрамы эмеспи, - деди Мээрим аны жактыра бербей.

- Майрамдатып коеюн дедим эле.

- Бу жигит дагы майрамдатмак, тилекке каршы дал бүгүн бизде бир кыздын туулган күнү, сизге рахмат.

- Түшүндүм, - деп Арзымат ага керсейе карады, - Мейли, кийин өкүнүп же таарынып жүрбөсөң болду.

- Кадырыңыз жан болсун, өткөн нерсеге өкүнгөн чабалдыктын белгиси.

- Макул, - деп Арзымат Бекболиевич ары карай басып кетти.

- Сиз бара бериңиз, мен кечке маал саат бештерде бошоп калам, - деди Мээрим Аскарга.

- Жарайт, мен сизди күтөм, - деп Аскар ары көздөй басты, Мээрим Арзыматка жини келип: "Картаң кыз макул болбой кайда барат деп жүргөн го", - деп оорукананын үчүнчү кабатына көтөрүлүп коридордо келе жатканда Света чыга калды:

- Майрамыңыз менен Мээрим Сагынбаевна.

- Рахмат, өзүңөрдүн майрамыңар менен.

- Рахмат, сизди баары күтүп калышты.

- Баары келип калдыбы, башкы врач дагы келдиби?

- Ооба, баары келишкен.

- Кечиге турган иш болуп калды, - Мээрим ылдамдай басып кабинетке кирди. Баары менен учурашып анан Светага каалоо, тилектер айтылып ортодо шампанский менен кызыл шараптар, башкы врач атайын алып келген торт, майрамда төрөлгөн Светага баары жакшы тилектерди каалап жатышты. Мурдатан даярдалган тамак келип көпкө отурушту. Саат бешке аз калганда Мээрим кечирим сурай:

- Менин жумушум бар эле, уруксат берсеңиздер бара берейин, көңүлдүү уланта бериңиздер, - деди.

- Айла жок, бүгүн майрам болгон соң баарыбыз эле туралы, - деди Баатырбек Султаналиевич.

- Кана эмесе бата берели, - деди баятан бери чыдамы кетип араң турган старший медсестра Ася.

- Света, туулган күнүң майрам күнү экен, бүт өмүрүң майрам болуп өтүшүн каалайбыз, тилегиңе жетип бактылуу бол! - деди Баатырбек Султаналиевич. Баары бата берип анан тарашты, мөөнөттөгүлөр шарактап калып калышты, шарактап күлүп чыгып келе жатышса Аскар күтүп турган экен.

- Келип калдыңызбы? - деди бир аз шампанский менен винодон ичкенге жүзү албырган Мээрим.

- Ооба, келип калдым, отуруңуз машинага, - деп Аскар волганын эшигин ачты.

- Рахмат, - Мээрим арткы орундукка отуруп эшикти жаап оңдонуп алды.

- Туулган күн жакшы өттүбү Мээрим?

- Абдан жакшы болду, Света өзү бизге жаңы эле келген, сегизинчи мартта төрөлгөнүн караңыз, - деп күлүп койду Мээрим.

- Жакшы экен, кайда барабыз Мээрим?

- Өзүңүз билиңиз, бирок көпкө эмес, бир саатка гана.

- Неге, үйүңүздө күткөн бирөө барбы?

- Ооба, эң кымбат адамым күтүп жатат, эрте келем деп айткамын, сиздин назарыңызды сындырууга батынбадым.

- Рахмат, ошончо кымбат адамыңыздын ким экенин билсем болобу Мээрим? - Күзгүдөн карап койду.

- Апам, ал мени ар дайым күтөт, жумуштан кечиксем жаш баласы адашып кетчүдөй жол карап жүрө берет, - Мээрим улутунуп алды.

- Эне деген ошол экен да, эненин эмгеги менен ак сүтүн актоого болбойт, актай албай дагы калабыз.

- Туура-а, бирок эне эч качан менин эмгегимди акта, ак сүтүмдү кайтар деп айтпайт, балдары үчүн жанын берүүгө да даяр экен го?

- Мээрим, турмушка чыккансызбы?

- Жок, үлгүрө элекмин.

- Башыңыз бош экен да, - деп Аскар жылмая жол боюна машинасын токтотуп өзү түштү да Мээрим отурган жак эшикти ачты, - Уруксаат этиңиз, - деп колун сунуп кызды колунан ала түшүрдү да ресторанды көздөй колтуктай басты.

- Сизди убара кылып койдум окшойт.

- Жо-жок, кайра сиздин макул болгонуңузга жетине албай жатпайынбы, - деп ресторанга кирип келишип терезе туштагы бош орундукка отурушту, аңгыча заказ алган кыз келип кайра кетти, экөө көпкө тамактанып отурушкан соң кайра жолго чыгышты. Мээрим үнсүз келе жатканда Аскар:

- Мээрим, - деди аста гана.

- Угум жатам.

- Жигитиң барбы?

- Таппай жүрөм.

- Ырас элеби? - Экөө тең күлүп калышты.

- Ооба, жумушка барам, үйгө келем, мен эч кимди көрбөйм, мени эч ким көрбөйт, балким көрсө дагы жактырбаса керек.

- Эмнеге андай дейсиз?

- Окуп, иштеп жүрүп эле менин курбуларым баарына жетишишти, мен али жүрөм, - Күлүп калды, - Картайып баратам кыскасы.

- Кантип эле, он сегиздегидей эле көрүнөсүз.

- Көңүл улаганыңызга рахмат.

- Чын айтам, - Аскар кызга жүзүн бурду, - Сизге бирөө кол сунса не дээр элеңиз?

- Байкап көрмөкмүн.

- Түз айтуу кыйын болуп турат, анткени сиздин пациентиңизмин да, кандай десем, - деп Аскар бир колу менен желкесин кашып калды, - Эгерде...

- Айта бериңиз, - Жылмая эмне дээрин сезип карап койду.

- Мен сизди жактырып калдым дегениме ишенбейсиз го?

- Ырас айтасызбы?

- Чын сөзүм.

- Ойлонуп көрөм, өзүңүз үйлөнгөнсүзбү?

- Жок, эми үйлөнөм деп турганда ушундай абалда калгамын, - Аскар үстүртөн айтып берди.

- Өкүнүчтүү, ал кызды сүйгөн белеңиз?

- Сүйгөн-сүйбөгөнүм өзүмө табышмак, өткөн окуя гана эсимде калганы болбосо аны такыр эстебей калдым.

- Сууп калгансыз го?

- Балким ошондойдур, иши кылса сизди көргөндө эле жүрөгүм болк этип алган, бирок анда мендей оорулуунун кимге кереги бар деп өзүмдү жемелеп жүрдүм, кийин сакая баштагандан эле бир сезим мени сизди көздөй жетелечү болду.

- Кызык экен...

- Эгерде сөзүм жакпаса кечиресиз Мээрим, дос болуп кала беребиз, - деди Аскар.

- Жо-жок, андай деле эмес, дос болуп калганыбыз абдан жакшы эмеспи, - деди Мээрим, ушул тапта колуна конгон шумкарын учуруп ийчүдөй тыпырата кармаган мүнүшкөрчө сумкасын бекем кармап алганын өзү да сезбей калды, - Үйгө келип калдык.

- Макул анда, майрамды жакшы улантыңыз, - деди Аскар үйдөн апасы чыга калганын көрүп.

- Рахмат, жакшы барыңыз.

- Кызым аябай кечиктиң го? - деп кара күүгүмдө үн салды Зуура.

- Ооба, кечигип калдым, күтүп калдыңбы апа?

- Күтпөй анан, тамагымды жасап алып карап отурам.

- Олда-а апакем ай, ичип анан калтырып койбойт белең.

- Тамактан өтөбү?

- Мейли, мына мен келдим, - Мээрим жайдарылана апасын кучактап алып үйгө кирип кетти. Аскар аларды алыстан бир карап алып үйүнө жөнөдү, ошентип экөөнүн сүйүүсү уламдан-улам күчөп отуруп акыры Мээрим Аскар экөө кыз жигит болуп калышты, кызынын бир башкача болуп кубанычтуу жүргөнү Зуурага таңгалыштуу болуп бир күнү:

- Ээ кызым, мага айтаар сөзүң жокпу? - деди сырдуу тиктеп.

- Эмне демек элем апа?

- Байкап жүрөм, башкачасың садагам, мени менен тең бөлүшчү оюң жокпу? - деди жылмая.

- Апа-а, - деп эркелей кызарып кетти Мээрим.

- Мейли кызым, сен бактылуу болсоң мен дагы бактылуумун, - Эне өз иши менен алектенип кетти, Мээрим өзүнчө ойлуу: "Ооба апа, мен абдан бактылуумун, бирок сени кантем, бир үйдө жападан жалгыз калаарыңды ойлосом жаным жай албайт, кандай кылаарымды билбей жатпайынбы апакем, жалгыздын иши жалгыз экен, атам болгондо эмне, эрмектешип отура бермексиздер", - деп кагаз жазган болуп ылдый карап отурганда көзүнөн тамчы жаштар кагаз бетине тып-тып этип таамп кетти. Ошол бойдон Зуура дагы кеп жаңыртпады, Аскар оорукана менен үйүнүн ортосунда, эки жыл бою оорунун азабынан ошентсе эми жүрөк тынчтык бербеген сезим аны тынч жаткырбай чоң үмүт-тилек алдыга жетелеп алгандай, Мээрим эми кабинетке кирип халатын кийип жатканда эшик тыкылдап калды: "Аскар, Аскар келди окшойт", - деген ойдо кубанычтуу күлүмсүрөп эшиктен көзүн албай:

- Кире бериңиз, - деди ордуна отура калып.

- Саламатсызбы чоң кыз? - деп Арзымат Бекболиевич кирип келди, - Оой кечиресиз Мээрим Сагынбаевна, - деди какшыктаган түр көрсөтүп, - Менимче бирөөнү күтүп жатсаңыз керек?

- Сизге эмне керек? - Мээримдин эмелеги жайнап турган жүзү боппоз болуп кетти.

- Жо-жок, эч нерсе керек эмес, - Арзымат уруксатсыз эле отургучка отурду, - Күйөөгө чыгат деп уктум, ушул чынбы?

- Сизге анын тиешеси жок, иш боюнча келиңиз, болбосо менин кабинетимди бошотуңуз! - Мээрим ордунан тура калды.

- Кетем - кетем, ашыкча убактым дагы жок, бирок сизге эскертип коеюн, бул жер сойкукана эмес, оорукана экенин, - деди да жай ордунан туруп босогого барды, - Так что тынч жүрбөсөңүз ишиңизден кууласыз, - деди да чыгып кетти, Мээримдин бүткөн бою калтырай көзүнөн жаш төгүлүп кетти: "Бул мени ким деп жүрөт, күйөөгө чыкпай жүрсө эле башкача ойлойбу, же мунун чакыруусуна барбай койгонума ушинтип жатабы", - деп турганда медсестра Азем келип көрө коюп:

- Мээрим Сагынбаевна, сизге эмне болду, ооруп турасызбы? - деп чебелектей жанына келип колдорунун калтыраганын көрүп ого бетер чоочуп кетти, ал туруп турган, - Отуруңузчу, Мээрим Сагынбаевна.

- Рахмат, - деди да Мээрим эми гана эсине келгендей отуруп алып башын эки колу менен мыкчый калды.

- Дары ичесизби? - деди Азем.

- Берсең берчи.

- Мына, ичип алсаңыз тынчтанып каласыз, - деп таблетка менен стаканга суу берди, - Мээрим Сагынбаевна, бир сөз айтсам капа болбойсузбу?

- Айта бер, ошончолук капа болчу сөзбү?

- Арзымат Бекболиевич...

- Анын эмне тиешеси бар? - Аземди таңгала карады.

- Баары ошонун айланасынды эже, - деди Азем өз эжесине сүйлөшүп жаткандай боор тарта жакындай.

- Ага тиешелүү болсо менин уккум да келбейт!

- Жо-ок Мээрим Сагынбаевна, сизге да катышы бар.

- Эмне, мага кандайча? - Мээрим эми аны тиктеп калды.

- Сизди ооруканага жигитин алып келет, бузулган неме оорулууларга терс көрүнүштөрдү көрсөтүп жатат, ар күнү ар кандай эркектер келет деп далил чогултуп жүрөт имиш, менимче сиздин үсүтүңүздөн чагым салып жүргөн өңдүү...

- Ошондойбу? - Таңгала Аземди тиктеп ойлуу карап турду, - Ага кимдер далилдеп берет экен?

- Биле албадым, бирок экөө чындык деп кол коюп берген имиш.

- Кызык, бул кандай болгону, неге андай дешет, мен бул жерде эмне кылып жатыптырмын? - деп өзүнчө ойлуу отурду да башкы врачка кирмек болуп ордунан туруп жөнөдү.

- Мээрим Сагынбаевна, менден укканыңызды айтпаңыз ээ?

- Жарайт, ишиңди кыла бер! - деди да ылдамдай басып баратты, Баатырбек Султаналиевичтин кабинетине келип жүрөгү дүкүлдөй туруп калды: "Мени жаманатты кылгысы бар экен го, алдын алышым керек, тескерисинче мага маралдык зыян келтиргендиги үчүн өзү жооп бериши керек", - деп ойлонуп өзүн тынчтандырып алды да кабинеттин эшигин тыкылдатты:

- Кириңиз! - деди ичкериден Баатырбек Султаналиевич.

- Агай руксат бекен?

- Аа-а Мээрим Сагынбаевна, как-раз сени чакырганы турдум эле, кел отур, - деди башкы врач отургучка карай колун жаңсап, - Сүйлө.

- Адегенде сиз айта бериңиз агай, мени чакыртмак болгон кандай жумуш болду...

- Ма-акул, - Баатырбек Султаналиевич ручка менен үстөлдү такылдата ойлуу Мээримди саамга тиктеп калды, - Мээрим Сагынбаевна, сиздин үстүңүздөн арыз түштү, сиз ооруканага жигитерди алып келет экенсиз чынбы?

- Агай, чечээр маселебиз бирөө эле экен, биринчиден менин турмушка чыга элегимди билесиз, экинчиден бул жөн гана чагым, Арзымат Бекболиевич көптөн бери мени шылдыңдагандай ар жакка чакырып, гүл жөнөткөнүнөн макул болбой койгомун, анткени үй-бүлөөсү бар экенин билем, балдары да бар го, уялбагандан өзүң уял дегендей аны билгизбей жүрсөм бүгүн кабинетке келип алып мазактады... - деп Мээрим ыйлап отуруп түшүндүрдү.

- Мээрим, андай болсо сен арыз жаз, аны талкууга алабыз, эгерде дагы болбосо жазасын алсын сотко берип сал, мен сени билчү элем, андай кыздардан эмес экениңди жакшы билем, иштей бер.

- Рахмат Баатырбек Султаналиевич, - деп Мээрим көзүн аарчып ордунан жылмая турду, - Сизге рахмат, мени түшүнгөнүңүзгө рахмат.

- Жакшылап өзүңдү коргой бил! - деп Баатырбек Султаналиевич аны узата карады, ал анын кандай адам экенин жакшы билчү: "Демек кыз сүйгүсү келген экен да, сени өз ордуңа коюп коюуга күчүм жетет, байка Бекболиевич", - деп ойлонуп алды, экөө көп тиреше турган, башкы орунду дагы талашып жогоруга чейин Баатырбектин үстүнөн арыз жазып каралоого чейин барган, бирок өз былыктыра билинип калып кайра өзү пара берип жүрүп өз ордунда калган. Ал хирургия боюнча бөлүм башчы. Мээрим кабинетине келип кагаз алды да арыз жаза баштады. Арзымат Бекболиевичке кошомат кылып жалган көрсөтмө берген медик өзүнүн ассисенти менен сестрасы болчу, аларга Мээрим жолугуп сүйлөштү. Эгерде токтотпосо сотко кайрылаарын билдиргенде алар коркуп кетишти. Ошол күнү кечке ошол иш менен алышып жүрүп үйүнө кеч кайтмак болуп чыкканда аны Аскар тосуп алды, жадырап турчу Мээримдин маанайы пас экенин көрүп:

- Мээрим, чарчаган көрүнөсүң? - деди Аскар.

- Ооба, аябай чарчадым, - Көңүлкош жооп кылды Мээрим.

- Жүрү, бир жакшы жерге барып отуралы, - деп машинасын ордунан жылдырды, - Кана өзүң айтчы.

- Аскар, бүгүн үйгө эле баралычы, менин эч нерсеге көңүлүм жок, анын үстүнө апам сени менен тааныштыр деп жанымды койбойт, жалгыз кызымдын кандай адамга чыгаарын көрөйүн, алдын ала көрсөт дейт.

- Ошол элеби Мээрим, бирок салтта жок го, кайненесине жолугуу, шарт көтөрбөс бекен?

- Ал мурда болчу Аскар, азыркы кезде тарбиялуу үй-бүлөөлөр уулу менен кызынын келечектеги өмүрлүк түгөйүн алдын ала көрүп-билип, таанышып калышпадыбы.

- Эмесе мен каршы эмесмин, апабызга бир аз белек-бечкек алып алайын, - деп Аскар шашып калды.

- Кереги жок, убара болбо, болгону бир көрүнүп койсоң болду.

- Мээрим, мен сени менен кең-кесири сүйлөшөйүн дедим эле.

- Эмне жөнүндө?

- Экөөбүз жөнүндө, эгерде сен каршы болбосоң үйлөнүп алалы.

- Мм...

- Ойлонуп көр, атамдар алып келе бер, күткөндө эмне дешип шаштырып жатышат, эгерде туура көрсөң оң жооп берээрсиң Мээрим.

- Билбей турам, күтүүсүз сунуш...

- Мээрим, мен сени сүйөм, сени менен турмуш курууга даярмын, - деп Аскар Мээримге суроолуу карады.

- Өзүң бил Аскар.

- Эртең даяр бол Мээрим, сени алып кетүүгө келем, апамды ошондо эле биротоло көрөйүн, таанышайын ээ?

- Макул, - деди Мээрим жылмая.

- Мээрим, сенден бир нерсени сурасам болобу?

- Сурай бер.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Сүйүү жөнүндө романтик эмесмин, бирок жакшы көрүү бар деп ойлойм, - Мээрим жылмая жер карады.

- Мен сени сүйөм, бирок өз сүйүүмдү таңуулашым туура эместир, айтууга туура келди Мээрим.

- Кабатыр болбо, мен дагы сени сүйөм Аскар, - Кыз Аскарга көздөрүн жалжылдата карады, - Бир гана сени!

- Ыраазымын Мээрим, анда эртең буйруса бирге болууга аттанабыз, бизге кудай жардам берсин, - деп Аскар кыздын колунан кармап өөп койду, - Сен менин мээримдүү, назик ырыстуу жарым бол ээ?

- Жарайт, - деп койду Мээрим дагы. Мээрим машинадан түшүп коштошушту дагы үйүнө кирди, жүрөгү кубанычтан ээлигип дүк-дүк согуп өзүнчө толкунданып жатты: "Ошентип менин турмуш босогосун аттаар мезгилим да келди, апам кантээр экен, бир үйдө жалгыз калат го, тез-тез келе албайм, ай кудайым ай, жалгыздык деген жаман оорудан дагы кыйын экен го, Аскар чындап эле мени сүйөт болду бекен, же жөн гана менин кесибимди сыйлап үйлөнгөнү жатабы?", - деп телмире ичке кирди, кирсе апасы эртелеп эле жатып алган экен:

- Апа, эмнеге эрте жатып алдың?

- Ооруп жатам кызым.

- Каериңиз ооруп жатат?

- Бүткөн боюм бүт эле.

- Азыр көрөм, - деп апасын текшерип көрүп, - Сууктап эле калыпсың апа, корко турган эчтеке жок, мен ысык бирдеме жасай коеюн, сен туруп отур, - деп Мээрим шыпылдай тамак жасаганга киришти. Бир аздан кийин экөө бет маңдай туруп тамактанып отурушканда Мээрим апасына карап отурду, - Кызынын капалуу экенин байкаган эне:

- Койчу балам, баарын билгениң жакшы болот, сен капаланбай жүрчү.

- Эмнени апа? - Мээрим апасын элээ карады.

- Мен аял докторго бардым, рактын белгилери бар деп айтты.

- Койчу апа, чын эле ошондой дедиби?

- Ооба, коркпой эле кой, дарыланышың керек деди, ооруканага жаткын дарылайбыз дейт, - деди Зуура ойлуу.

- Болуптур апа, эртең анда толук анализ тапшырып коелу, өзүм көрсөтөм сизди, ооруп жатканыңды айтпай эмнеге өзүң бардың апа? - деп Мээрим капалуу карады.

- Сени убара кылгым келбеди кызым.

- Ма-акул эми, тамагыңды жакшылап ич.

- Ээ кызым, жүрөгүңдө бир сыр бардай...

- Апа, бир жигит үйлөнүүгө сунуш кылды.

- Ким, өзүң айткан Аскарбы?

- Ооба апа, сен ооруп турсаң мен күйөөгө чыкпайм.

- Ошо болчу беле, андан көрө мага көрсөт дебедим беле? - деп Зуура кызын күлүмсүрөй карады, - Качан тааныштырасың кызым?

- Апа, ал уялып жатат, үйлөнгөндөн кийин деле көрөсүң апа, жакшынакай жигит, ата-энеси бар, иштеген иши бар, - Мээрим дагы апасына жылмая карады.

- Мейли садагаң кетейин, сенин бактылуу болгонуңду көрсөм эле болду, эми баш тартпа кызым, азыр баш тартсаң кыркка чыкканча бойдок жүрүп каласың, аный деген жоксуңбу? - Зуура кызын үңүлө карады.

- Жо-ок апа, ойлоноюн дедим.

- Ойлогондо эмне кокуй, учурунда тийбесең болбойт, ансыз да көп жүрүп калдың, окуу андан кийин жумуш деп жүрүп убактың өтүп кетти, - деп Зуура чыйпылдап ийди.

- Мен кетсем жалгыз каласың да апа.

- Мен өлбөйм, менин тилегим сенин бактылуу болушуң кызым.

- Болуптур, сени ойлонуп кыйналам го апа, жалгыз үйдө соксоюп отурганыңды эстесем жаман болуп кетем, - деп Мээрим апасын кучактап алып ыйлап жиберди, - Кантип сени жалгыз таштайм?

- Болду каралдым, мени ойлоп жүрө берсең баарынан кечигесиң, бала-чака, үй-бүлөө күтүшүң керек го? - Эне кызын кучагына кыса чачынан сылап, чекесинен өөп көпкө телмирип отуруп калды, эне-бала бири-бири менен үнсүз сүйлөшүп, бири-бирин аяп турушту. Ошондон эки күндөн кийин Мээримди Аскар алып кетти, Зуура эжеси Батманы, Закирдинди кошуп, Мээримдин атасынын мындайыраак агасын аялы менен чакырып алды, алар сүйлөшүп отурганда эки киши ачуу басар алып келип калды. Аларды коноктоп, кийит кийгизип жөнөттү. Андан кийин төртөө-бешөө болуп кубалап барып келишти, Мээрим абдан толкунданып отурду, анткени Аскардын ата-энеси абдан жакшы турушчу, үйлөрү жаңы типте салынган.

Аскар дагы кубанычтуу, кээде Гүлшанды ойлонуп калат: "Мен Гүлшанды сүйгөн эмес экенмин, атамдардын айтканына көнүп эле ага азгырылып жүргөн окшойм, барбай койсом болмок экен, Алтынбек аны катуу сүйгөн тура, бекер эле аларга тоскоолдук кылган экенмин, тарткылык шорум бар экен да, Мээрим экөөбүздү тагдыр өзү жолуктурду", - деп өзүнчө ыраазы болуп алат. Ал өз ордуна иштеп калган, бир жумадан соң Мээрим дагы өз жумушуна чыкмак, экөө ээн кала элек, күндө тууган-туушкандары келип келин көрүп үйдө бака-шака болуп бүгүн бир ээн боло калышты эле. Аскар келинчегин имере кучактап:

- Мээрим, бактылуусуңбу жаным? - деди.

- Ооба, абдан бактылуумун, бир гана өкүнүчүм бар.

- Ал кандай өкүнүч? - Аскар Мээримди көздөрүнө тигиле суроолуу тиктеп калды.

- Апамдын жалгыз калганы, иним же сиңдим болгондо мынчалык болбойт эле, - деди Мээрим улутуна.

- Ошол элеби, апамды өз колубузга алып алсакчы?

- Болбойт, апам ага көнбөйт.

- Эмнеге, үй кенен, өзүнчө бөлмөдө жашай берет, эртели кеч биз жанында болобуз, - Аскар келинди өөп койду, - Сенин көңүлүң тынч болот, кандай дейсиң жаным?

- Болбойт Аскар, уят эмеспи, апам ага көнө койбойт.

- Жакшы болмок, апамдар деле каршы болмок эмес.

- Апамдарга билгизбей эле койчу Аскар, мага апам капа болот, апам жалгыз калат деп ушунча жыл жанында болдум.

- Жаным капаланбачы, экөөбүз муну дагы чечебиз, - Аскар келинчегин имере кучактап, өпкүлөп түндүн кызуу уйкусуна кирди. Эртеси жумушуна келсе башкы врач баарын чогултуп алып чогулуш жасаганы жаткан экен. Арзымат Бекболиевичтин терс жоруктарын ортого салганда Мээрим баарынын көзүнчө өзүнө жасаган мамилесин айтып прокуратурага кайрылаарын айтты эле ал кечирим суроого өттү. Жумушунан чыгарылмак болуп сөгүш берилди. Мээрим унчукпай тим болуп өз ишинде иштей берди, аны иштешкендери куттуктап жатышты. Күндө Аскар өзү жеткирип жумуштан чыкканда ала кетет, Зуура тезирээк эле кызын төркүлөтүп алууга шашылыш камынып жатты. Адегенде көшөгөсү менен себин алып өзү эжесинин кызын ээрчитип барып келди. Ошондо ал куда-кудагыйына кайрылып:

- Куда, кудагый, эми Мээрим менен Аскарды чакырып албасам болбойт, үйгө барып келип турушсун, - деди.

- Кудагый, араң эле бир ай болду, Аскар үйлөнүү той берем деп жатат, андан кийин деле үлгүрөбүз, - деди Бурулкан.

- Эми өзүңөр билесиңер дечи, Мээримден башка балам жок, ушу кызымды бактылуу болсо дейм да, өзүм дагы жалгыздыктан кыйналып кеттим, кээ-кээде барып турушса үйүм толуп калат беле...

- Жакшылыктын эрте кечи жок кудагый, кийинки жумада той өтөт, дос-жоролорун чакырып койду, андан кийин сүйлөшөлү, - деди Улукбек.

- Мейли, балдар өздөрү билишсин, - деп тим отуруп калды, Аскар менен Мээрим иштешкендерин, туугандарын чакырып үлпөт тоюн өткөрүштү, бул тойдо Айзада болду Алмаз экөө, анткени аларды Батманын бир келини ала келген, Айзада менен ал бир тууган бөлө эле, Аскардын үйлөнгөнүн угуп атайын көргөнү келген. Тойдун эртеси Айзада дароо эле Гүлшанга барды, ал эки бала менен үйдөн чыга албай калган, Урмат жумушуна эртең менен кетип кечке маал келет, келгенде балдарына ар нерсени көтөрө келип адегенде Күлчорону, андан кийин Калчорону алат. Айзада кирип келип курбусунун балдарын өөп:

- Кандайсың ай кара жан? - деди Гүлшанга жаркылдай күлүп, Айзада күйөөгө тийгени ачылып толуп өңүнө чыгып кеткен, алган эри жарашса кара катын ак болот дегендей эле болуп калган.

- Жакшы, өзүңөр кандай? - Гүлшан курбусунун колундагы уулун ала коюп өөп койду, - Өйдө өт, келген экенсиң.

- Келдим, сага бир жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык экен?

- Аскар үйлөнүптүр.

- Жакшы болуп калыптырбы?

- Ооба, кадимкисиндей, аялы врач экен, терапевт экен иши кылса, татынакай келин экен.

- Болсун, мага анын эмне кереги бар, - деди ойлуу Гүлшан.

- Сен аны кызганбайсыңбы?

- Эмнеге, менин өзүмдүн үй-бүлөөм турат...

- А сен Урматты сүйбөйсүң да.

- Кызыксың Айзада, мен сүйүүнү жек көрөм, ошол эс акылдан тандырган сүйүүнүн айынан эмне болду, бирөөнүн баласын бирөөгө телитип отурам, Алтынбек түрмөдө жатат, - деди Гүлшан ойлуу телмире, - Сүйүүнү жек көрүп калдым Айзада.

- Кызык экенсиң, Алтынбек сени эссиз сүйгөн экен да, ал үчүн сен сыймыктанышың керек, бирок сен Аскарды сүйбөгөн болсоң анын үмүтүн мурда эле үзүп койсоң болмок, менимче сен Аскарды жактырсаң керек?

- Айзада, кел чайга кара, мен бул жөнүндө сүйлөшкүм келбейт, - Гүлшан чыныны сунду, - Уулуңа чай бересиңби?

- Жо-ок, бул чай ичпейт.

- Макул эми, өзүң ичип отур, - деп Гүлшан балдарынын улам бири чыр этип ыйлаганын сооротуп бирин алдына алып отурду.

- Удаа төрөгөн аябай кыйналыш болсо керек ээ?

- Кыйын эле, кайненемдер менен чогуу болгондо жакшы эле, жардамдашып турчу, Урмат эле бөлүнөбүз деп туруп албадыбы, - деп Гүлшан сырын төгүп отурду.

- Урмат сени катуу сүйдү байкуш, а сенчи Гүлшан?

- Ушундай суроону койчу курбум, мен сүйүүдөн көңүлүм калды дедим го?

- Макул-макул эми, иши кылса бактылуу болсоң болду, сен менин курбумсуң, сага жамандыкты каалабайм, - Айзада жойпулана күлүп калды. Экөө дагы көпкө сүйлөшүп отуруп анан кетти Айзада...

Зуура көптөн бери жолукпай калган таанышы Айжандын үйүнө келип экөө аркы-беркини сүйлөшүп отурганда Гүлмира келип калды, аны Айжан чакырып койгон, экөө мурунтан тааныш, Зуура алар менен кийинчерээк эле таанышкан эле. Үчөө шаракташып сүйлөшүп отурушканда Айжандын көптөн берки таанышы Адыл келип калды.

- Кандай жакшысыңарбы? - деп учурашып орун алган соң Зуурага кайрылды, - Мен сизди тааныбайт экенмин.

- Ал менин досум, - деди Айжан, - Таанышып алгыла, досумдун аты Зуура, а мунуку болсо Адыл, бул Гүлмира.

- Жакшы - жакшы, таанышканыма кубанычтамын, - Айжанга кайрылды, - Мындай кезде бирдеме кылбасак болбойт го Айжан, мен дүкөнгө барып келе калайын.

- Андай болсо кана, эстүү этекке чаптырбайт дегенди билесиң го? - Айжан шыңкылдай күлүп калды, Адыл чыгып кеткенден кийин Зуура:

- Айжан, ичкиликтин кереги жок эле, тим кой десең болбойт беле? - деди саал ыңгайсыздана.

- Зуура, жаман кой ишегинде карыйт дегендей эмитен эле карылыкка баш ийе баштагансың го, азыр биздин ойноп күлөөр кезибиз, балдарды чоңойттук, окуганын окутуп, турмуш жолуна салдык, эмне армандары бар? - деди Айжан каткыра.

- Ошону айтсаң, - деди коштой Гүлмира, - Биздин дагы жаныбыз бар да, качанкыга чейин эле ошолордун көзүн карап жүрө беребиз.

- Аман болушсун балдар, ата-эне кадырын билген бала билет, билбегени өмүр бою моюнуна минип өзүнчө оокат кыла албай эле жүрүшпөйбү, сеники бир кыз, жарасы жеңил, - деди Айжан Зуурага кайрыла.

- Мен ошонун жалгыз болуп калганына кейип жүрбөйүнбү.

- Жалгыз болсо дагы аман болсун.

- Зеригип кетпедиңерби кыздар? - деп ошол убакта өзүнөн башка дагы эки кишини ээрчитип кирип келди. Адыл менен келген экөө тең эле интеллигент адамдар экен картайганда биринин аялы өлүп калып жалгыз турчу, кээде Адыл болуп чогулуп ичип калышчу. Алар баш ийкеше төрдөн орун алышты.

- Кечиккениңдин себебин билдик, - деп Айжан Адылга карай күлүп калды.

- Таанышып койгула, булар менин теңтуштарым, мунун аты Авазбек, а мунусу Калыбек, - деди Адыл, - Авазбек бойдок, Калыбек экөөбүз үйдөн чыкканда эле бойдок боло калабыз, - Адыл каткырып алды, - Туура айтамбы Калыбек?

- Анан өлөлүбү, мындай кара көз келиндер турганда, - деп Калыбек дагы күлдү, Адыл бөтөлкөнү ачып стакандарга куюп алды - алдыларына койду, - Кана кыздар бүгүнкү таанышканыбыз үчүн алып коелу, сиздердин ден-соолугуңуздар үчүн!

- Баарыбыз үчүн алалы, - деди Айжан.

- Кана Зуура карма колуңа, - деди Авазбек Зуурага кайрыла жылмайып.

- Жо-жок, мен алчу эмес элем.

- Эч нерсе эмес, алып кой эми.

- Койчу Зуура, - Айжан курбусуна таарына кетти, - Алып кой эми, бир-эки куюмдан эчтеке болбойсуң.

- Иче албайм.

- Зуура, - деди Гүлмира, - Мындан кийин кыстабайбыз, бир жолу алып кой, сунган колду сумсайтпай.

- Алчы эмес элем да...

- Сураныч, бир эле жолу алып кой, - Авазбек дагы кыйыла карады, - Адамдын көңүлү гүл деген, көңүл үчүн алып кой.

- Макул эми, көңүлүңүздөр калбасын, - Зуура жылмайып коюп стаканды колуна алды. Баары алып ийишти. Көпкө отурушту, Авазбек Зуурага ыктап улам кылгыра карап тийишип коюп жатты, Зуурага деле анын турган турпаты, мамилеси жагып калды, экөө бири-бирин кыйгай карап коюп отурду. Кечке маал Зуура үйүнө кеткени Айжанга кайрылды эле ал:

- Бир аз отур, - деди.

- Жо-ок, үйгө барайын.

- Мен узатып коеюн, - деди Авазбек.

- Тим эле коюңуз.

- Эмне болмок эле, узатса узатып койсун, - деп Гүлмира шаңкылдай күлүп калды, - Биз эми карып калдык беле, узатканга ылайык элебиз. Гүлмира өзү бойдок, ага Авазбек жагып турган эле, өзүнө көңүл бурбай Зуурага ыктаганга өзүнчө ызалуудай. Зуура алар менен коштошуп үйүнө кетчү аялдамага келди, Авазбек анын жанында.

- Зуура, күйөөң эмне болгон?

- Алты жыл мурун өтүп кетти.

- Жаман болуптур, канча бала бар?

- Бир кызым бар.

- Жакшы, менин үч балам бар, эки жыл мурун аялым каза болуп калган, балдарым өз-өзүнчө, үйдө жалгыз калдым.

- Жаман болуптур.

- Кызың окуйбу?

- Иштейт, турмушка чыккан.

- Анда сен дагы жалгыз экенсиң да?

- Ооба...

- Зуура, сүйлөшүп жолугушуп турсак кантет?

- Коюңузчу, эми ушул жашыбызда...

- Эч нерсе эмес, али картая элекпиз, - деп Авазбек купшуңдай күлүп калды, аңгыча троллейбус келип калды.

- Жакшы калыңыз, мен кеттим, - деп Зуура түшүп кетти. Авазбек калып калды. Ал келгенде эжеси Батма күтүп турган экен, бир аз ичип алган Зуура андан тартына:

- Качан келдиң эле эже? - деди.

- Жанараак келгем, кайда кетип калдың?

- Бир курбумдукуна бардым, - деп Зуура тартына үйүн ачты, ортолору бир саат айрымасы бар эже-сиңди аябай окшош эле.

- Мен сага Назини жиберейин дедим эле, жалгыз жаман болду го сага?

- Назини жибергенде эмне эже, өзүңөрдө эле болсунчу, мен жалгыз эле жашай берем, Мээримди төркүлөтүп алсам алар келип турат да.

- Эми анын күйөөсү бар эмеспи, аны алагды кылбай эле кой, сенин жаныңда Нази болсо анын көңүлү тынчып калат эле, сени ойлонуп ал дагы тынчсызданып жүргөндүр.

- Ойлонбо деп айткам, башка салганды көтөрбөскө чара барбы?

- Кой мен кетейин, эртең Назини жөнөтөм.

- Тим эле кой, ал көнөбү көнбөйбү?

- Көнбөй эмне, бала эмеспи жүрө берет, сабагына барып келип жаныңда болсун, - деп Батма үйүнө жөнөдү, Закирдин ал келгиче бир бойдок досуна барып жолугуп келди, анын аялынын өлгөнүнө көп болгон, бир жаш келин алып анысы кетип калган, ошондон бери бойдок эле, жашы алтымыш экиде. Эркинбай Закирдиндин сөзүнө муюп эки-үч күн өткөндө эле эки аял, бир эркек болуп анын үйүнө түштү, Зуура сыртта жүргөн, бей тааныш адамдарды карап туруп калды.

- Арбаңыз, - деп Эркинбай келип учурашты.

- Саламатсызбы?

- Жакшысызбы? - дешип баары учурашып калганда:

- Ким бирөөнү издеп жүрөсүздөрбү? - деди ар бирин көз токтото карап.

- Сиз Зуурасызбы? - деди Эркинбай.

- Ооба.

- Биз сизге келген элек.

- Кандай жумуш менен?

- Адегенде үйгө кирсек, жай отуруп сүйлөшсөк.

- Аа-а, кириңиздер үйгө, - деп Зуура жактыра бербесе дагы үйгө киргизди.

- Зуура, биз сага келдик, макул десең баш...

- Эмне дейсиз, мен күйөөгө чыкпайм!

- Ай-ай Зуура, кесе айткан сөз көңүл оорутат, биз сени кыстабайбыз, каалаганың болсун, жок дегенде жай сурашалы, - деди Эркинбайдын эжеси карыган аял Шайгүл.

- Менин жумуштарым бар эле, айтып болсоңуздар...

- Мейли-мейли, биз кетели, - деп Эркинбай ордунан турду, беркилери үн дебей алардын артынан чыгып баратканда Батма Назини ээрчитип келип калды.

- Келгиле, кайдан бу? - деп Эркинбайга кайрылды.

- Ээ аяш, жашооң түшкүр ушу экен да, Зуурага сөз салып келдик эле, - деди Эркинбай күнөөлүүдөй.

- Ботом, адегенде айтып деп үйгө барсаңар болбойт беле, бул дагы таңгалгандыр капырай, - Батма Зуурага кайрылды, - Чай-пай бердиңби?

- Ооба, өзүм шашып турдум эле...

- Бир жакка барасыңбы?

- Ооба.

- Мейли Эркинбай, чогулуп сүйлөшүп чечээрбиз, капа болбогула, - деп аларды узатып жатканда ак волга келип калды, алар Авазбектер болчу, ал улуу кызы күйөөсү менен, иниси аялы менен чогуу келишкен, Зуура ошого тигилерди тезирээк кетиргиси келип жаткан эле, машинадан түшүп келип Зуура менен учурашып калды, анан Батма менен учурашып үйдү көздөй басышты. Эркинбай кыжына жолуна түштү. Батма сиңдисин көз кыйыгынан акырын карады: "Демек бул өзү ушул кишиге сөз берип койгон го", - деген ойдо сыртка ымдап чыкты.

- Эмне болду эже?

- Бул киши менен мурунтан таанышсыңбы?

- Жо-ок, бир эле көргөмүн.

- Келээрин билдиң беле?

- Жо-ок.

- Күйөөгө чыгасыңбы?

- Жо-ок, эми кайдан...

- Эмне деп жооп бересиң анан.

- Билбейм.

- Кирели эми, сөзүн угалы, - деди анан Батма, ээрчише кирген эже-сиңдини карап Авазбек таңгалып калды.

- Келипсиздер, сүйлөй отуруңуздар, - деди Батма.

- Келип калдык, тагдыр экен, Зууранын колун сурап келип калдык, - деди Авазбек, - Булар менин кыз-күйөөм, иним менен келиним.

- Эми Зуура деле жаш эмес, ойлонуп көрөөрсүңөр, байкап көрөлү.

- Рахмат сизге, көрөлү дегениңиз жакшы сөз, - деп Авазбектер дагы коштошуп кетишти.

- Сен Мээримге айттыңбы?

- Жок, ал укпаганы жакшы, мен баары бир эрге тийбейм.

- Ойлонуп көр, азыр турмушка чыгышың керек, сен азыр картайып калдың беле, Мээримдин өз турмушу бар, ал дагы бала-чакалуу болот, - деп Батма сиңдисине көп кеп айтып көндүрмөк болуп жатты. Зуура ойлонуп калды, ошондон он чакты күн өткөндөн кийин Мээримди төркүлөтүп алды, конокторун узатып болгондон кийин Аскар жумушуна кеткенде Батма сөз баштады.

- Мээрим, эми менин сага айтаар сөзүмдү угуп тур.

- Таеже, эмне дегени турасыз?

- Сен эми өз турмушуң бар, Зуура жалгыз калды, менин дагы өз түйшүгүм бар, жанында боло албайм...

- Анан, эмне кылсак дейсиз таеже?

- Зуураны күйөөгө берели.

- Ыя?! - Мээрим колу мнен оозун калкалай калды.

- Ооба балам, сенин эсиң бар, апаңа дагы жашоо керек, элүүдөн эми ашты, күнү-түнү чакчайып жалгыз жатса, каңыр-күңүр болоор эч ким болбосо, жалгыздыктан жинди болуп кетпейби.

- Кимге, апам өзү эмне дейт? - Мээрим апасын карады эле ал жер карады, - Апа жакшы киши барбы?

- Бар, - деди Батма, - Бир эмес эки жерден жуучу келди.

- Кайдан, кимдер экен?

- Иши кылып жакшы адам бар, сен макул болушуң керек.

- Таеже, мен эмне дээримди да билбей калдым, эң башкысы ал адам апама жагабы? - деп Мээрим эмне деп айтаарын билбей, ойлуу отуруп калды, бир таежесин, бир апасын карайт: "Аскарга кантип айтам, апам күйөөгө чыкканы жатат деп айтууга кандай дитим барат, ал эмне деп ойлойт", - деп ойлонуп отурганда Аскар келип калды, Мээрим жумушунан суранып келген эле.

- Меха, зерикпедиңби? - деди Аскар кирип келип эле, - Апам бир жакка кеттиби?

- Жо-ок, таежемди узатып кетти.

- Капалуусуң да?

- Жок, неге капа болмок элем?

- Жүзүң бир түрлүү, бир нерсеге кыжаалатсың го дейм?

- Жо-ок, эч нерсеге капа эмесмин.

- Макул жаным, канча күн турабыз?

- Бир жумадай туралы ээ?

- Ма-акул, сен не десең ошол, - Аскар эркелете мурдунан чымчый өөп койду, - Сенин сөзүң мен үчүн мыйзам жаным.

- Андай дебечи Аскар, эркек деген эркектей эле болгону жакшы, аялга мынча жагалданганың болбойт.

- Жакшы көрсөм эмне кылайын, сени жанымдан артык көрөм, - деп кучактап турганда Зуура кирип келе жатып токтой калды, - Сенин жүзүңдөн сумсаюну көргүм келбейт.

- Мен дагы сени жакшы көрөм Аскар, кудайым экөөбүздү айрыбаса экен, - деп Мээрим ыйламсырап күйөөсүнүн көкүрөгүнө жармашып солкулдап ыйлап кирди.

- Жинди десе, эмне болду сага?

- Эчтеке болгон жок, жөн эле ыйлагым келип кетти, - деп солуктап жатты, Зуура муну угуп жүрөгү канады: "Каралдым, сени кудайым алганыңдан бөлбөсүн, ажыратпасын ылайым, жарыгым ай атаңдын өлгөнүнө, менин күйөөгө чыгаарыма ызаландың го, кантейин экөөбүзгө тең дурус болоор, Абазбек жакшы адам экен, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болобу деп ойлодум кызым", - деп ойлонуп акырын сыртка чыгып кетти. Бир жума өткөн соң кыз күйөөсүнө союш союп карчыга төшүн, боорсок кант-конфет кылып, күйөө баласына бир сыйра кийгизип, кызын кийинтип жөнөттү. Убакыт билинбей өтө берди, бир күнү Айжан, Гүлмира менен дагы бир аял келип калды, ал Айжандын классташы Айнаш болчу. Зуура аларды сыйлап куурдак кууруп чай берип отурду.

- Зуура, сен Авазбекке эмнеге болбой жүрөсүң? - деди Айжан.

- Мен эми турмушка кайдан чыкмак элем?

- Кызык экенсиң, алтымыштан ашкан кемпирлер чыгып жатпайбы, сен эмне жапжаш элесиң го?

- Күйөөгө чыкканымды күйөө балам көрсө эмне дейт?

- Эмне демек эле, түшүнөт да.

- Ошону айтууга оозум барбайт.

- Антпе, өз бактыңды ойлон да, Авазбек мени сага жиберди, ал сени жактырып калыптыр, - деп Айжан балпылдай сүйлөп жатты, Зуура унчукпай калды. Зымырайып баарын сынап турган аял эле Айнаш, ал Зуураны жактырып калды: "Теңтуш болсо болчудай экен", - деген ойдо болуп турду. Ал Айжандын үйүнө далай барган, экөө тең ичип жатып калышат, ошондо Айжан өзүнө төшөк салып жатып алат дагы Айнашка отурган жерине жаап койгон учуру көп. Ошондо Айнаш ичинен: "Ушундай дагы арам ой адам болот экен да, меникине барганда аппак шейшепке тайраңдап жатат", - деп ойлонуп алчу. Деги эле Айжан жанындагыларды көп сынай турган, өзү адамдын көңүлү калаарын билбей балп-шалп эттире сүйлөгөн аял, анан негедир бирөөнүн жакшылыгын көрө албайт, ал ушу кезде Авазбектин өзүнө сөз салбаганына капаланып жүргөн, Гүлмира экөө тең ал сөз салса чыгып алчудай эле. Бирок Авазбек Зуурага карап туруп алды.

- Мен эми бактылуу болуп кайда бармак элем, кызым бактылуу болсо болду, - деди Зуура.

- Ай Зуура, тийсең тий, тийбесең кой, бир бөтөлкө алып келчи! - деди Гүлмира, - Андан көрө кешиктен ооз тийгиз, кызыңды төркүлөтүпсүң.

- Ооба десең, дегеле зымыраясың.

- Ма-акул-ма-акул, - Зуура күлүп калды. Анан ойлонуп туруп дүкөнгө барып бир бөтөлкө алып келди, - Бул менин кызымдын төркүлөп келгендеги кешигинен, ооз тийип койгула.

- Ой рахма-ат, бая эле ошентпейт белең, - дешип шаңкылдап күлүп калышты. Зуура сыйлап анан узатып койду. Ошол күнү Зуура эми жатканы калганда эшиги такылдап калды: "Ким болуп кетти, жарым түндө эч ким келчү эмес эле", - деп ойлонуп туруп калганда терезеге келип тыкылдатты:

- Зуура, мен элемин ачып койчу.

- Мен деген ким?

- Авазбекмин.

- Капырай, - деп алды Зуура, халатын кийине калып эшикти ачып таңгалып калды, - Уят эмеспи, жарым түндө...

- Эмнеси бар экен Зуура?

- Ошо да болчу беле, коңшу-колоң көрсө уят го?

- Эчтекеден кам санаба, биз баш кошуп алабыз, жакшылап сүйлөшүү үчүн келдим Зуура, - деп Авазбек кирип келди.

- Осол болуп калбагай эле, кызынан эле тартынып жүргөн экен деп кеп кылышат го? - деп жарыкты күйгүзүп отурганга төшөк салды, - Отур.

- Рахмат Зуура, - Авазбек бир саамга өзүн ыңгайсыз сезип отуруп анан Зуурага карады, - Зуура, эми эмне дейсиң, мындан аркы өмүрүбүздү бирге өткөрсөк кантет, мен даярмын, керек болсо кызың менен таанышайын, уруксаат сурайын.

- Кое турсак кантет?

- Кое турганда эмне, жаш деги эмеспиз, баарын ойлонуп чечүүгө болот, аздыр-көптүр калган жашыбызды жакшылап өткөрсөк дейм, балдарым макул болуп алып келиңиз деп жатат.

- Мээрим макул болобу билбейм.

- Сүйлөшүп көрөйүн.

- Мен өзүм үйгө чакырайын.

- Ошент, мен өзүм түшүндүрөйүн.

- Макул, - деп кумарлуу жылмая карап жоолугун оңдоп койду Зуура. Авазбек ага жакындай отуруп колунан кармады, Зуура эти үркө андан боюн ала качты, - Кой эми уят.

- Эмнеси уят, жашоодо эң зарыл нерсе ушул аял эркектин жакындашуусу тура, бири-бири үчүн керек болот экен, жадагалса мал дагы өз убактысы келгенде токтото албайт го, ага караганда адам сезимтал болобуз, бири-бирибизге жакшы көрүүнү, сыйлоону ошол аркылуу дагы сездиребиз, - деп акырын өзүнө тартты, - Көңүлүң келбеген аялга барбайсың, - Кучактап алып аста өөп кирди.

- Койсоңчу Авазбек, - деди Зуура шыбырай, ал бүткөн бою чымырап жүрөгү алып учуп жүзү кызарып кеткен, - Болдучу эми...

- Зукеш, сен билесиңби, бул жашоодо бири-бирин каалабай жакындашууга болбойт, сезимдер бири-бирине төп келмейинче эки адам бириге да албайт, - деп Зууранын жүзүн өзүнө каратып анын көздөрүнө тигилгенде ал көзүн жумуп жиберди:

- Койчу Авазбек, мени кое берчи.

- Кантип кое берем Зукеш, мен сени кучагымдан чыгаргым келбей жатат, - Жылмая эки колун эки жакка жайып ийип моюн башынан өпкүлөп кирди, - Сен мага абдан жагып калдың Зуукеш.

- Мага дагы сен жагасың, бирок биздин ушунубуз жарабайт го, жаш болбосок.

- Жаш дагы болгонбуз.

- Ооба дечи, ал кез эбак өтпөдүбү...

- Өттү дечи Зукеш, бирок буйруса алдыда дагы көп жакшы күндөр бар, экөөбүз балдарыбыздын жакшылыктарына чогуу күбө болобуз, далай күндөрдү бирге өткөрөбүз, ден-соолук болсо баарына жетишебиз алтыным, убакытты бекерге өткөрбөй бирге бололучу, баш кошолучу, - деп аймалап жатты. Ошентип ал түнү экөө бирге болуп алышты, Зуура негедир өзүн жеңил сезип өмүр алдында жаркыраган күнгө туш келгендей бактылуу болуп турду, эрте туруп жуунуп-чайынып алып чай берди...

Мээрим абдан ойлонду, ойлоп көрсө апасы кырк эки жашында эле жесир калган экен, ойлонуп отуруп Аскарга минтти:

- Аскар, бир нерсени кеңешсем болобу?

- Айт жаным, албетте кеңешсең болот.

- Айтуудан уялып жатам.

- Эмнеге?

- Апамды турмушка чык деп жатышат таежемдер.

- Чын элеби? - Аскар адегенде эмне дээрин билбей калды.

- Ооба, мен эмне дээримди билбей калдым.

- Меха, - деди Аскар көптөн кийин, - Апам жаш эле го, чыкса чыксын, сен каршы болбо, туура эле болот го? - деди.

- Мен дагы ошондой деп ойлондум, апамдын бактылуу жашашын каалайм. Бүгүн барып келбейлиби?

- Макул, барса барып келели.

- Кеттик, апама жакшы сөз айтып көңүлүн көтөрбөсөм болбойт, балким ал менден жооп күтүп жүргөндүр, - деп Мээрим шашыла кийинди дагы экөө машинасы менен жөнөдү. Алар келгенде Зуура эжеси экөө сүйлөшүп отурушкан.

- Келгиле айланайындар, - деп Батма аларды өөп өйдө өткөрдү, - Кудагыйлар жакшы жатышабы?

- Жакшы жатышат, өзүңүздөр кандайсыздар? - деп Аскар жаркылдай учурашканда Зуура ичтен кубанып алды: "Кудайга шүгүр, кызымдын багына жакшы жигит туш болду, көңүлүм тынч жашайм, жүзүнөн күлкү кетпесе экен", - деп алды. Батма менен Зуура Авазбекти күтүп жатышкан.

Авазбек өзүнүн теңтушу Калыбекти ээрчитип келип калды, алар менен Аскар учурашып төрдөн орун алышты, Мээрим өзүнчө: "Булардын кимиси менин апамдын жүрөгүн ээлеп алды экен, экөө тең эле жаман адамдар эмес экен", - деп экөөнү жал-жал карап коюп чай куюп отурду. Алар көп отурушпады, Авазбек бир нерсе демек болгондо Батма сүйлөтө койгон жок, анткени Мээрим күйөөсүнө айтпаган болсо капа болуп калабы деп ойлогон. Алар кеткенден кийин Мээрим таежеси менен апасын күлө карап:

- Кайсынысы мага ата болот? - деди.

- Мээрим, абайлычы кызым, - деди Зуура Аскардан уяла.

- Апа, капа болбочу, Аскарга айтканмын, ойлонуп да көрдүм, туура эле болчудай го? - деди таежесине карап.

- Туура кыласың Мээрим, Зуура эмитен кол карап сенин же менин колумда жүрчүдөй кары эмес, сени чоңойтту, окутуп адам кылды, эми бир тамда жалгыз отурганы болбойт.

- Үй ээн калабы анан?

- Тура берсе зыяны тийеби, силер балалуу болосуңар.

- Макул таеже, мен каршы эмесмин, апамдын жалгыз үйдө отурганын ойлонуп менин да жүрөгүм ооруп кетчү, - Мээрим дароо жаркылдай күлүп апасына карады, - Кана айтыңызчы, кайсынычы экен?

- Оң жагындагысы, - деди Батма Зуура үндөбөй отура берди, - Кандай адам экен жактыбы?

- Дурус эле киши го?

- Дурус эмес, жакшы адам экен, балдары өз-өзүнчө болуп кетиптир, бир кыз эки уулу бар тура, жетиштүү бардар турганы көрүнүп турат, - Батма аны мактап кирди.

- Калыңды жакшы берет го анда? - Мээрим тамашалай күлүп койду.

- Мээрим! - Зуура кызын ормое карады.

- Кечир апа, капаланбачы эми.

- Мен үйгө кеттим, эне-балдар өзүнчө сүйлөшкүлө, эки күндөн кийин Зуураны узатабыз, - деди Батма.

- Ошончо эртеби? - Мээрим көздөрүн алайта карады.

- Анан эмне, болоор иштин эрте бүткөнү жакшы, силерди же мени күтүп соксоюп отурбай чай ичишээр адамдын маңдайында болгону жакшы, эртең Сагынбайга куран окутуп коелу, ал дагы ыраазы болсун.

- Макул таеже, биз анда дасторконго даярданалы.

- Ошенткиле балам, койду балдарга жетелетип келебиз, силер башкасын даярдагыла, - деди да чыга жөнөгөндө Зуура кошо чыкты.

- Эже туура болбоду окшойт, күйөө баламдан уялдым.

- Эмнеге уяласың, илгертен эле кыз-күйөө, уул-келини бар кемпирлер эрге тийгенин көрүп жүрөм, сен эмне жапжаш эле турбайсыңбы, Мээрим макул болгондон кийин болду да.

- Мурдараак эле тийип алсам болмок экен, кызым менен тең жарышып эрге тийгеним жакшы эмеспи деп ойлоп калдым, - деп Зуура телмире эжесине тигилди.

- Антип ойлобо, өзүңдү ойлон, - Батма ошентти да үйүнө кетти. Эртеси бирди союп колу коңшусун чакырып Сагынбайга куран окутушту, тамак ичип-жеп отурган аялдар чыгаары менен эле кеп кыла баштады:

- Ой, Зуура күйөөгө тийгени жатат дейби ыя? - деди эки-үч үй ары жакта жашаган Умсунай.

- Билбейм, ким айтты антип? - Жанаша жашаган Атыркүл ага таңгала карады, - Деги мындай сөздү кайдан уга каласыңар?

- Ой элден эле уктум, эки-үч чал келген турбайбы, болгондо дагы бир күнү келип алган имиш.

- Кимге тийет экен анан?

- Ким билсин, мурда кызматта иштеген киши имиш, жакында алып кетет экен.

- Болсо болгондур, Зуура өзү дегеле тиш ачпайт, бир сырдуу неме, жалгыз калды да байкуш, анан эмне кылсын, туура эле кылат, - деп Атыркүл башын ийкеңдетип койду, - Кызы болсо күйөөгө тийип кетти, каңыр-күңүр болоору жок жалгыз калды да.

- Бир эле кызы бар тура ээ?

- Ооба, төрөгөндөн бирди эле төрөдү.

- Кудайдын өз эрки да.

- Ооба, ошондой экен да, күйөөсү дагы абдан жакшы киши болчу, жаш өлүп калды, кой үйгө барайын, сөзгө алаксып калганымды кара, - деп Атыркүл үйүнө бурулду, Умсунай дагы ким менен сүйлөшө калсам деп эки жагын карап эч кимди көрө албай өз үйүнө карай басты. Мээрим Аскар чыгып кеткенде апасына кайрылды:

- Апа, туура кылдың, мурун эле ойлонсоң болмок экен.

- Оюма деле келген эмес кызым, капыстан келишти, ойлоп көрсөм туура эле болчудай, Батма эжем дагы болбой койду, жалгыз үйдө эмне кылмак элең деп.

- Туура айткан, ошол киши баркыңызга жетсе эле болду.

- Көрөөрмүн балам, - деп ойлонуп калды, Аскар киргенде унчукпай калышты. Эки-үч күнгө чейин Мээрим ооруканага барып кайра келип апасынын жанында болду, үчүнчү күнү Авазбек үч-төрт аял эркек болуп келип Зуурага баштан аяк кийим кийгизип, бир союш союп коңшу-колоңун чакырып чай берип алып кетти. Батма менен Закирдин, Мээрим менен Аскарды эртеси чакырып конок кылышты. Авазбектин жашоосу абдан жакшы эле, жетиштүү дегенинче бар экен, кызы менен эки уулу аларды жакшы кабыл алды. Зуура ошентип Авазбектин жары болуп калды...

Алтынбек жапайы адамдай сакал мурутун албай, эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү болуп он сегиз жылды өтөп чыкты, агалары менен инисине барды эле салкын кабыл алып койду. Улуу агасы Айбек анын колуна миң сом берди да:

- Эми өз оокатыңды кыл, кээде келип тураарсың, - деди жер карай күңкүлдөп, мунусу үйүнө батыра албасын билдиргени эле.

- Макул аке, менин тагдырым талкан болду, силер болсо менден кечип койдуңар, эми акыретте кездешээрбиз, - деди да берген акчасын таштап басып кетти. Анын өзүндө акча деле бар болчу, ошол күнү баняга түшүп кычырай кийинди дагы жумуш издеп стройкага кирип иштеп калды. Эч ким менен сүйлөшпөйт, сакал муруту өскөн бойдон, күндө келип иштейт дагы кечке маал батирине кетет, бир айдан өткөндөн кийин капыстан ал Гүлшанды көчөдөн көрүп калды. Уурдана артынан түшүп үйүн көрүп алды, ошондон кийин ал үйдү акмалачу болуп алды, айрыкча бош болгон күндөрү керээли кечке акмалап жүрө берип Урматты таанып калды, баласын көргөнү менен эки баланын бирин-бирине окшоштуруп туруп алды. Бир күнү ал короодон чыккан Калчоронун алдынан чыкты:

- Уулум, атың ким? - деди ал акырын карап.

- Калчоро, а сиз кимсиз?

- Мен уулумду издеп жүрөм.

- Уулуңуз кайда кетти эле?

- Ал апасы менен кеткен, кайда экенин билбейм.

- Аты ким эле?

- Атын дагы билбейм, апасы өзү койгон, - деди эле Калчоро аны таңгала карап: "Жинди неме го", - деп басып кетип жатканда Күлчоро чыгып экөө сүйлөшүп калды, ошондо гана Алтынбек өз баласын тааныды, өзүнүн жаш кезиндегиге окшоп узун арык бала болгонун көрүп өзүнөн-өзү мууну бошоп көзүнүн жашы төгүлүп турду: "Ыраазымын Гүлшан, менин уулумду адам кылып бакканыңа, мен уулумду көрдүм, бирок атасы экенимди айта албайм, көзүм өтсө дагы баласы жок деп кала берем, кантип айта алам, апаңа кыянаттык кылгамын деп айтамбы", - деп телмире тиктеп турганда Күлчоро басып келди.

- Сиз кимсиз?

- Мен уулумду издеп жүрөм, - деп Калчорого айтканын кайталады эле ал башын чайкай күлүп койду.

- Балаңыз ким деген эле?

- Атын билбейм.

- Барыңыз, бул жакта сиздин балаңыз жок, - деп Күлчоро аны жаман көзү менен карап коюп кетип калды. Ошол күнү Алтынбек дагы бир жолу өлгөндөй эле болду: "Бүттү, бул дүйнөдө жашап эмне кылам, аялым болбосо, бала күтпөсөм, эмнеге жашайм, андан көрө өлгөнүм артык", - деп кафеге кирип ичип отурду. Бир аз өзүн кармап түрмөдөгү төбөлөшкөн күндөрүн эстеп көпкө отурду да батирине келди, эртеси жумушка барса аны прорабы чакырып алып камалып келгенин айтып жумуштан чыгарып койду. Алтынбек жакшы эле кылмыш кылбай так болоорун айтты, бирок ал болбоду, ошентип ал жумушсуз калды.

Көп убакыттар өткөн соң акчасы түгөндү, анан эмне кылаарын билбей ичип коюп жумуш издеп жүрдү, бир жолу аны камокто отурган аял чакырып алды:

- Мына буларды мусорго таштап койчу!

- Эмне мен сага кулуң белем?

- Ии-ий өлүгүңдү көрөйүн десе, тим эле сүйлөсө асмандан түшөт, кебетесин кара, арак берем келип таштап койчу!

- Сенин арагыңа кызыкдар эмесмин.

- Анда арак берем, иш таап берем эй селсаяк! - деп болбой эле чакыра берди эле акырын басып барды да:

- Ээй, сен эмнеге айкырасың, эгерде дагы сүйлөсөң өлтүрүп коем! - деп жакасынын ары булкуп койгондо ал аял алаңдай унчукпай дүкөнүн жаап кирип кетти.

- Эн-неңди көпкөн... - деп алды Алтынбек, ошентип аерден өтүп дагы бир камокко келди, аерден арак менен закуска алып артына барып отуруп ичип жатканда:

- Бул жерге отурбай жүр, милиция чакырам, канча уурулардан көңүлүм калган, - деди арткы эшигин ачып.

- Отурган эле киши ууруга киреби?

- Кайдан билем?

- Азыр кетем, тынч ичип алайын.

- Тез кет, - деп ал дагы эшигин жаап алды. Алтынбек жумуш таппай кыйналды, кайда барса милиция текшерип кирет, ошентип жүрүп акыры ун түшүргөн жерден жумуш таап иштеп калды, күндө өзүнө жетээрлик таап кардын тойгузат да жатып алат. Сакал мурутун бир аз кыскартып алды болбосо бети башы көрүнбөй калды эле, аны көргөндөр алтымыш жетимиштерде деп ойлой турган. Ал бир күнү дагы Урматтын үйүн акмалап барып алыстан карап турду, бир кезде жасана кийинген Гүлшан дарбазадан чыгып бирөөнү күтүп калды, ошол кезде машина келип ага түшүп кетти: "Бактылуу экенсиң, неге мага буйрубадың экен, тагдырдын таш боордугубу, же менин пешенемби, аттиң кандай асыл максаттарым, тилектерим бар эле, минтип селсаяк болдум, же эркек болбой калдым, неге жашап жүрөм өзүм дагы билбейм, жок дегенде Гүлшанга бир жолугуп, уулумду жанынан көрсөм анан өзүмдү-өзүм өлтүрөт элем", - деп карап турду. Гүлшан кетип жатып сакалчан адамды көрдү, балдарынан укканын эстеп: "Алтынбек болсо керек, эми ал Күлчорого сенин атаң болом деп айтпаса экен", - деп ойлоп жини келди, бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө аны аягандыктан: "Аттиң, анда эмне күнөө, эмне кылсам экен, Урмат көңүлүнө алат го, болбосо ачык айтып коет элем", - деп кетип баратып ойлонуп алды. Алтынбек ошол айланадан кетпей калды, кардын тойгузуп, арактан ичип алат да кечке маал пайда болуп калат. Аны байкаган Урмат бир күнү ага жолугуп:

- Биякта эмне кылып жүрөсүз, үй жайыңыз жокпу?

- Жок, бараар жерим жок.

- Анда бул жерде эмне жүрөсүз, башка жакка барыңыз.

- Жумуш болсо жасайм, кардым тойсо болду, жатаар жер...

- Азыр барыңыз, буга бирдеме ичип алыңыз, - деп Урмат чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду, эртең көрөбүз, - деп басып кетти, Алтынбек ал берген акчаны колуна уучтап мыкчып көпкө турду, сакалы ылдый аккан жашы сакалын аралай койнуна сиңип жатты. Анан артына бурулуп туш келди кетип жатты. Алы күчү ашып ташып турган кырк бештердеги жигит иш таппай, кайда барса түрмө деген балээ кара көлөкөдөй ээрчип тоскоол болуп туруп алганы анын жүрөгүн миң жеринен тилип турду. Анан анын бир ою намысты унутуп өмүр бою баласын көрүп жүргөнгө аракет кылганы эле. Ага азыр эчтекенин кызыгы жок эле, өлөөр өлгүчө баласына кул болууга даяр болчу. Эртеси дагы сагаалап баягы үйдүн короосун айланчыктап келди, ошол күнү Урмат көрүнбөдү Күлчоро чыгып эшикти ачты да машинасын айдап баратып дагы Алтынбекти көрүп калды, токтой калып аны көздөй басып келди:

- Сиз эмнеге бул айланада жүрөсүз? - деп алып негедир анын сезиминде боорукерлик пайда болду, алдында турган адамдын жүзүн мурун бир көргөндөй селдээ туруп калды, - Бараар жериңиз барбы? - деди анан жумшара.

- Жок.

- Анда бул жакта...

- Мен жатаар жерим жок үчүн жүрөм, жумуш жасаганга бир жай табылса жакшы болоор эле, - деди Алтынбек баланы жалдырай караганда ал көзүн тартып алды.

- Башка жактан издеңизчи.

- Күлчоро! - деп дарбазадан Гүлшан чыга калып ылдамдай бери басты, - Кечиктиң балам. Эмнеге биерде турасың? - деп жете келип Алтынбекти жалт карап алып жүрөгү шуу дей түштү: "Мен атаңмын деп айтып койдубу, бул ошол экен, эмне кылып жүрөт", - деп ойлонуп уулун карады, - Жөнө балам, көрүнгөн менен сүйлөшкөнүңдү токтот! - деп катуу айтты. Күлчоро үн дебей машинасын айдап кеткенде андан бетер күдүктөнүп жини келип ага карады, - Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Издеген адамымды таптым! - деп Алтынбек терс бурулду.

- Сен дагы эле көк, өжөр экенсиң, ушул кейпиң менен балага эмне дедиң? - Гүлшандын муундары калчылдап кетти.

- Эмне, бул акыбалга алып келген ким? - Алтынбек ага бурулду, - Өзүм ушинтип калдымбы, ким үчүн, эмне үчүн экенин жакшы билип туруп айтканыңа жол болсун?!

- Көп сөздү кой, азыр бул жерден кет, күйөөм келип калат.

- Ыя, күйөөң келеби, сенде жүрөк барбы, аны аяйсыңбы, же аны сүйөсүңбү? - Алтынбек сакал мурутунан оозунун ачылганы зорго көрүнүп күлүп калды, - Бир мезгилде эки жигиттин төшүнө башыңды жөлөп экөөнү тең оюн кылып жүргөн сен эмессиңби, эгерде жүрөгүң болсо мени коргоп же ооруп жаткан Аскардын акыбалын билмексиң, сен жылуу коюн издеп, өзүңдү гана ойлоп басып кетпедиң беле?!

- Болду, кетип кал!

- Кетем, мен сендей эмесмин, жүрөгүм бар, сенин күйөөңдү да аяйм, ал сенин эмне кылып жүргөнүңдөн кабарсыз деп ойлойсуңбу? - деп тике маңдайына келгенде көзүн жумуп бетин жаап калды.

- Болду, эмне дегени турасың?

- Мен сенин жүрөгүңдүн жок экенин, эми эриңдин көзүн боемолоп каалагандай көңүл ачканыңды билем!

- Алтын! - деп бакырып ийди Гүлшан.

- Болуптур, дагы жолугабыз, - деди да Алтынбек терс бурулуп жөнөдү, ал жөн гана айткан, анткени чоочун машина менен эки жолу кеткенин көрүп калган эле: "Демек талуу жерин таптым, бул дагы эле ошондой экен да, бир эркекке алымсынбайт, жүрөгү таш, сүйүү дегенди түшүнбөйт, эң акмак башым, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген ушул экен да", - деп ойлоп кетип баратты. Гүлшан турган жеринде катты: "Бул эмне дейт, кайдан көрүп калды, баягы адаты кала элек тура, эмнеге сакал мурутун албай жүрүп алган, эми кантем, Урматка айтпа деп акча берсем бекен, макул болбосочу", - деп ойлонуп үйүн көздөй басып короого кирип кетти. Алтынбек бир күнү базар ичинде басып жүрүп бирөөнү таанып калды, ал түрмөдө жүрүп таанышкан жигитти дароо тааныды да:

- Сашка! - деди артынан, ал бурулуп Алтынбекти таанып токтоп калды, Сашка Алтынбектен жаш, ал чыгаарына үч жыл калганда барган.

- Кандай старик?

- Жакшы, кайда жүрөсүң?

- Иш көп, "тияктан" келген соң адам болуш керек да.

- Туура, кандай жумуш бар?

- Сага жумуш керекпи?

- Ооба, мен жумуш издеп жүрөм.

- Ой старик, мен сага сөзсүз иш дагы жатакана дагы табам, - деди Сашка шар эле.

- Жакшы болбодубу, жумуш таппай жүрдүм эле, - Алтынбек кубанып кетти, ал ээрчитип алып быт-чыт болгон көчө менен барып бир үйгө келди, дарбазасы эки жакка ачылып турган короого кирип катар-катар болуп салынган бөлмөлөрдүн бирине келип эшигин ачты:

- Старик, азыр сен бул жерде калып эс ала бер, мен кечинде келем, - деди Сашка.

- Жарайт, - деп коюп бөлмөгө кирди, бөлмөнүн ичинде колго илинээр эчтеке жок эле, төр жагында бир адам жата тургандай эски, кир төшөк салынуу турат, бир кишиге ылайык идиш-аяк, андан башка эчтеке жок. Сашка бая эле кеткен, Алтынбек төшөк үстүнө жатып алып ойлонуп жатты: "Гүлшанды сүйгөн жүрөгүмдө эмне айып, Аскар эмне болду экен, жакшы болуп кеткендир, а Гүлшанга баары бир болду, бир башы үчүн баарынан кечип койду, сезими жок акмак, дагы бирөөнүн жары, балдардын энеси, койкоюп өзүнүн гана бактысын ойлоп басып жүргөнүн кара, Урмат ошого ишенет болду бекен", - деп көзүн жумуп алып жата берди...

Мээрим апасы күйөөгө тийгенден кийин барып келип көңүлү тынып калган: "Жашоосу жакшы экен, эчтекеден кем болбойт, эмнеге мурда эле чыгып албады экен, жалгыз менин камымды ойлоп ушул жашка келди да, эми да жакшы болду, Авазбек аке деле жакшы адам экен", - деп ойлонуп алды, негедир анын боюна болбой жатты. Арадан үч жыл өтсө дагы төрөй элек. Аскар ага бир күнү:

- Меха, - деди кучактап жатып, - Качан балалуу болобуз?

- Билбейм, кудай каалап берсе балалуу болобуз да.

- Мен балалуу болгум келет.

- Мен дагы, эртең өзүм текшерүүдөн өтүп көрсөмбү?

- Ошентчи, бала күтүп жүрөм көптөн бери.

- Кам санаба, балалуу дагы болобуз, - деп Мээрим ага эркелей кучагына кирди, эзилишип көпкө жатты.

- Меха, - Аскар Мээримге үйлөнгөндөн баштап эле аны ушинтип эркелетчү болгон.

- Эмне болду?

- Мен дагы көрүнсөмбү?

- Эмнеге?

- Билбейм, баягы оорудан кийин...

- Жо-ок! - Мээрим анын оозун баса калды, ал ушуну өзү дагы ойлонуп жүргөн: "Адегенде өзүм көрүнөйүн, андан кийин Аскарды текшертип көрөм", - деп эми анын оюн билип койгондой айтканда чоочуп кетти, - Андай болушу мүмкүн эмес, сен азыр жакшы элесиң, - дегенде араң жарады, - Уктайлы, эртең экөөбүзгө тең жумуш...

- Жарайт жаным, - Аскар ойлуу кучактап жатып калды: "Мен тукумсуз болуп жүрбөйүн, эки жылдан ашык кыймылдабай жатканда бирдеме болгон эмеспи", - деп ал көптөн бери ойлонуп жүргөн, эми Мээримдин чоочуп кеткени аны ого бетер күдүк ойго салды: "Демек бул билет, мага айта албайт, андай болсо бала жөнүндө унутуп коюш керек", - деп ойлонуп уктай албай көптө барып көзү илинди. Эртеси Аскар башка ооруканага барып өзүн текшертмек болуп кетти, Мээрим гинекологго кирип анализдерин тапшырып көрүндү:

- Төрөйсүз, эч кандай оору же себеп жок, - деди гинеколог.

- Эмнеге боюма болбой жатат, үч жылдан бери?

- Сиз анда күйөөңүздү көрсөтүп көрүңүз, сизде айып жок, - деп күлүмсүрөдү аял врач.

- Макул, - деп Мээрим ойлуу жумушуна келди: "Демек бала көрө албайт экенмин, Аскарда болсо мен эмне кыла алам", - деп ойго чөмүлүп отурганда:

- Мээрим Сагынбаевна, алтынчы палатадагы оорулуу абалы өтө жаман, - деп сестра кирип келди.

- Керектүүнү даярдагыла, - деп шашыла жөнөдү ал: "Анда катуу оорулуу жок эле, качан келди экен", - деп жанындагы сестрадан сурады, - Оорулуунун картасын алып келиңизчи.

- Жарайт Мээрим Сагынбаевна, - деп сестра кабинетке карай басты, алтынчы палатага кирип жаш жигиттин кыйналып жатканын көрүп тынчтандырчу укол сайдырды да, - Бизге качан келген? - деди.

- Түндө келиптир, авариядан жаракат алган.

- Аа-а, - деп оорулуунун тамырын кармап көрдү да дароо операцияга алып баруусун өтүндү, анткени анын буту сынып өйдө карай жарака кеткен экен, шишик өйдө көздөй чаап бараткан эле. Врачтарды чакырып, жанына ассицентин алып өзү операцияга кирди, бул Урмат болчу, өзүнүн унаасында келе жатып авария болуп келген. Ошол кезде Гүлшан эки уулу менен келип калды, операция узакка созулду, Гүлшан менен эки баласы тынчы кетип отура албай аркы-терки басып коридордо жүрүштү. Бир кезде Мээрим өзү чыкканда алар жетип келип:

- Атамдын акыбалы кандай? - деп Күлчоро сурап ийди.

- Оорулуунун абалы жакшыбы? - деди Гүлшан.

- Бир аз жакшы, бирок али күдүк бар, жоон сандан жарака кеткен, кабатыр болбогула.

- Деги айыгып кетеби? - деди Калчоро.

- Айыгып кетет, коркпоңуздар.

- Рахмат сизге.

- Эч нерсе эмес.

- Эмгегиңиздин үзүрүн көрүңүз, ылайым колуңуз дарт көрбөсүн, - деди Гүлшан кичипейилдик менен жылмая карап, ошол убакта аларды көздөй Аскар келе жаткан эле, ал токтой калды, - Жакшылыгыңызды унутпайбыз.

- Эч нерсе эмес, бул менин милдетим деп ойлойм.

- Ошентсе да... - Гүлшан көзүн тартып ала албай Аскарды карап туруп калган, Мээрим анын абалын байкай коюп артына караса дал ошол акыбалда Аскар туруптур, ал Мээримди көздөй сыр билгизбей басып келе жатты.

- Кандай Меха, иштериң жакшыбы?

- Жакшы, иш кыйчалыш болуп турганда эмнеге келдиң?

- Мен тоскоол болдумбу Меха, мен сени менен кеңешүүм керек, - деди Аскар.

- Үйгө барганда сүйлөшөлү, түндө авариядан бирөө түшкөн экен, абалы өтө начар, - деп Мээрим кабинетине киргенде Аскар аны кучактап өөп алды, - Катуу бекен?

- Өтө жаман, буту кооптуу, операция жасалды, бирок кыйын.

- Жакшы болуп кетээр.

- Макул сен ишиңе бара бер.

- Жарайт жаным, сен көрүндүңбү?

- Ооба, анализ тапшырдым.

- Жакшы, - деди да кабинеттен чыгып баратып Гүлшан менен беттеше түштү, - Кечиресиз, - деди да басып кетти, - Гүлшан Мээримдин кабинетине кирди.

- Кирсе болобу?

- Кириңиз.

- Мен Нусубалиевдин аялымын, акыбалын билсем дедим эле.

- Жакшы, күйөөңүздүн акыбалы оор, жоон сандан жамбашка чейин жарака бардай, ренгендин результатын көргөндөн кийин билинет.

- Рахмат сизге сиңдим, укол-дары керек болсо өзүбүзгө айтыңыз, баарын даярдап беребиз.

- Азырынча жетштүү, керегин айтабыз.

- Муну чай ичип коюңуз сиңдим, силердин эмгегиңер зор, - деп Гүлшан акча сунганда Мээрим ордунан тура калды.

- Алыңыз акчаңызды, мен сизден акча алып анан күйөөңүздү айыктыра албайм, мага өкмөт эмгек акы берет!

- Кечир сиңдим, кечир... - Гүлшан жаман абалда калды, - Азыр баары эле жетишпейт, укол-дарыны сатып келгиле дешет го, мен сиздей таза адамды биринчи көрүшүм.

- Ооба, жетишпегени ырас, бирок катуу оорулууга бизде запаздар бар, мен аларды сатпайм, сатып кел дешсе сатып келесиздер, бүгүн сиз жанында калыңыз.

- Макул сиңдим, - деди да кабинеттен чыгып баратты: "То-оба, ак жүрөктөр дагы бар экен да", - деген ойдо. Эки миң экинчи жылдын күз мезгилинде аварияга учураган Урматтын бир буту кесилди, анткени тизесинен өйдөтөн сынганда, жарака жамбашка чейин кеткен экен, операция жасаганга болбой улам шишик басып, жан чыдатпай ооруп кыпкызыл болуп кеткенде жамбаштан төмөнүрөөк жерден алып салышты. Ошондо гана ооруганы, шишгени басылды. Урмат бир бутунан ажыраганы аялы менен да, балдары менен же ата-энеси менен сүйлөшпөйт, телмирип жатканы жаткан. Бир айдан ашык жатып үйүнө чыгып келди. Ырым-жырымын жасап, түлөө өткөрүштү, Гүлшан жанында чайын, тамагын сунуп отурат:

- Гүлшан, - деди Урмат ага бир күнү.

- Мен жарым жандуу болуп калдым.

- Эчтеке эмес, сенин амандыгың керек Урмат, ушинтип маңдайыбызда отурганың биз үчүн канчалык кубат.

- Калп! - Урмат сол тизесине муштап алды, - Мен ушундан көрө ошол жерде өлсөм болмок!

- Андай дебечи Урмат, - Гүлшан аны тынчтандырууга аракет кылып жатты, - Балдар укса капа болушат, экөө эгиз козудай болуп ээрчишип сени кандай гана кудайдан тилебеди.

- Неге-неге чолок болгуча өлбөдүм?!

- Койчу Урмат.

- Болду, мени жалгыз кой Гүлшан.

- Макул, бирок көп ойлоно бербечи.

- Чык дейм эшикке!

- Макул, бакырбачы бай болгур, - Гүлшан ыйлап сыртты көздөй жөнөдү, ошондон баштап көпкө чейин Урмат үстүнө киши киргизбей, сүйлөшпөй жатып алчу болду. Убакыт баарына эм дегендей ал өзүнө келип, тагдырдын салганына аргасыз баш ийе баштады. Коляска алып беришкен, ага отуруп ар нерсени сүйлөп калат, Гүлшан кышы менен анын маңдайында болду, анын бир адамы бар эле, кийинки кездери кайра-кайра телефон чалчу болду. Бир күнү ал чыгып кеткенде чалып калды эле, Урмат коляскасы менен жетип трубканы ала койду.

- Ало, ким экен бул? - деди эле жооп болбоду, - Ало, ало-о!

- Ким экен? - деп Гүлшан кирип келип бозоро туруп калды.

- Билбейм, сүйлөбөй койду.

- Жаңылышкан бирөө чыгар, - деп эс ала түштү Гүлшан.

- Ошондой го? - Урмат бир нерсени сезгендей унчукпады, жадыраган жаз дагы келип айлана жашылдан тукаба кийип калган, күндө эшикке чыгарып коюп Гүлшан өз иши менен алек, ошондой күндүн биринде ал шашылыш үйдөн чыкты.

- Урмат, апам ооруп жатыптыр, барып келе калайын.

- Балдар келгенде машина менен барбайсыңбы?

- Жо-ок, алар келсе сени карашсын.

- Ма-акул, тез кел.

- Тез эле келем, - деген Гүлшан короодон чыкты да шашылып кетип жатты, аны бурулуштан Ауди-100 маркасындагы машина менен күтүп турган эле, эки жагын карана машинага отураары менен ордунан жылды.

- Чолок күйөөңдүн көзүн карап мени такыр унуттуң, - деди үнү корулдаган адам аны кекете.

- Элмурат, капаланбачы мага, балдарымдын атасы эмеспи ал.

- Билем, мен сени сагынып кеттим.

- Мен дагы, айла жок чыдашым керек.

- Кана, кайда баралы, сраз-зу мейманканагабы?

- Өзүң эле билчи, кыскасы мен эрте кайтышым керек.

- Деги аның сага жарап жатабы? - деп Элмурат ага кекете үн катты, - Буту болгону менен башкасы "аман" чыгаар?

- Койчу ушундай сөзүңдү, - Гүлшан ага кылгыра карады.

- Кызганып жатпайсыңбы?

- Кызганба, баары бир ал менин күйөөм, сенин дагы аялың бар,

- Сени катуу сүйүп калдым Гүлшан.

- Андай дебе, экөөбүз тең үй-бүлөөлүүбүз го?

- Сен эми өмүр боюу төкөр менен кантип жашайсың?

- Жашабаганда кантем?

- Ажырашып кет.

- Кантип, балдарым мени кечиреби?

- Акыры түшүнөт да.

- Ажырашып кайда барам? Сен мени эмне кыласың?

- Үй алып берем, ээн-эркин жолугуп турабыз.

- Андай болбойт Элмурат, өз-өз үй-бүлөөбүз менен болгонубуз жакшы, кээ-кээде көңүл ачып сагынычыбызды таркатсак болот, - деп Гүлшан жылмая рулдагы Элмураттын колун кармады, аңгыча мейманканага жетип келишти, экөө ээрчише кирип адегенде ашканага кирип анан бөлмөгө киришти.

- Сенин көздөрүң мени арбап алган Гүлшан, сени эстесем аялымдын жанында жаткым дагы келбейт, - Элмурат Гүлшандын көкүрөгүн ачып өпкүлөп кирди, - Сени кандай жакшы көрөөрүмдү билсең го? - деп кийимин чечинтип кирди. Экөө бири-бирин чечинтип дароо спальныйга жыгылып аймалашып жатып калышты. Аял да болсо өзүн кармана албай Элмураттын денесин сыйпалап жанталаша өпкүлөп жатты.

- Мен дагы, мен дагы сенсиз өзүмдү ээн талаада калгандай сезем. Биз кантип айрылабыз Элмурат?

- Биз айрылбайбыз, - Экөө көпкө аймалашып жатып анан ишке киришти, көптө барып чалкасынан түшүп демиге жатып калышты.

- Элмурат, мен кетишим керек, Урмат сыртта калган.

- Балдарың келсе карап турат.

- Кой барайын, бойго жеткен балдар менин жок экенимди билсе эмне деп ойлошот? - деп Гүлшан балдарынан чоочулап кийине баштады.

- Эми качан жолугабыз Гүлшан?

- Билбейм, сен үйгө чалбачы Элмурат, Урмат билип калса...

- Төкөр сага эчтеке кыла албайт.

- Ооба, бирок аны басынтканым болбойт.

- Макул эми, өзүң кабарлаш ээ?

- Жарайт.

- Мен өзүм жеткирип коем, - деп Элмурат туруп кийине баштаганда Гүлшан:

- Кереги жок, такси менен кетем, - деди.

- Койчу алтыным, сени өзүм жеткирем, - деп келип кучактап өпкүлөп кирди, экөө саамга кучакташып өбүшүп туруп анан сыртка жөнөштү, Гүлшан апам ооруп калыптыр деп чыгып кеткенден кийин эле Асылкүл келип калды:

- Жакшысыңарбы балам? - деп күйөө баласы менен учурашкан соң эки жакты карады, - Гүлшан жокпу?

- Ал сизге кеткен.

- Жөн жай элеби?

- Жөн эле, - деп койду Урмат, анткени ал кайненесин көрөөрү менен эле анын калп айтып кеткенин сезди.

- А-а балдар келе элекпи окууларынан?

- Эми келип калаар.

- Гүлшандын кеткенине көп болдубу?

- Келип калаар.

- Чай-пай ичесиңби балам, күн келип калыптыр, көлөкөгө жылып алсаңчы?

- Жок апа отура турайын, - деген Урматтын жүрөгү эзилип өзүнүн бул дүйнөдө жашап жатканына өкүнүп турду: "Ушуну көрүп билип отургуча өлгөнүм жакшы эмес беле, мени өлгөн адам катары сыйласа мындай кылбайт эле, бул башка бирөө менен качан таанышууга үлгүрө койду", - деп башы катып жатты. Арадан эки сааттай өткөндө Гүлшан кирди. Ал апасынын үйдөн чыгып келе жатканын көрүп селдээ туруп калды.

- Үйгө бардыңбы? - деди Асылкүл кызын көрүп.

- Качан келдиңиз? - Гүлшан кайра апасына кайрылды.

- Келгеним качан, өзүң кечиктиң го, Урматты үйгө киргизип бирдеме берсеңчи, күндө отурат, - деп кызын тилдеп калды.

- Азыр апа, - деп Урматты карай албай ичкери кирип кетти.

- Апа, тилдебей эле коюңуз, жумушу бардыр, барса барып келгендир, - деп күңгүрөндү Урмат.

- Урушуп эмне кылам айланайын, сени жалгыз таштаганына эле ачуум келди, балдар дагы келе элек болсо.

- Урмат, жүрү үйгө, - деп Гүлшан келип арабаны сүйрөп тепкичтен эптеп алып чыгып ашкана бөлмөгө киргизди, - Мага ачууландыңбы? - деди анан.

- Эмнеге ачууланам, кайсы кудуретим бар, сага сүйлөөгө да акым жок Гүлшан, - Урматтын үнү каргылдана чыкты, - Мен төкөрмүн, мунжумун Гүлшан, сага ачууланууга акым дагы жок! - деди акырын гана.

- Антпечи, ансыз дагы айтпай кеткеним үчүн күнөөмдү жууй албай турганда.

- Апам келбесе минтпейт элең да ээ?

- Урмат, мени кечир, Айзада чакырганынан барып келдим, сенден жашырганымды кечир.

- Айзада чакырса айтып бара берсең болот го, мен сага бир жолу кысым көрсөттүмбү?

- Сен минтип отурсаң, мен курбумдун туулган күнүндө жүрсөм болмок беле, айтпай барганым ошол, көңүлүңө кетеби дедим.

- Мейли, болуптур эми, - деп Урмат ары карап кетти. Гүлшан тамак жасап, чай коюп апасы үчөө ичип отурганда Күлчоро келди, ал университеттин биринчи курсунда, Калчоро он биринчи класста окуйт.

- Келе гой садагаң кетейин десе, окууң жакшыбы? - деп аны эки бетинен өптү Асылкүл, - Чоңоюп калдыңар эми садага, ата-энеңерге тирек болгула.

- Ооба тайне, атамдарга биз карабаганда ким карамак эле? - деп Күлчоро күлүп үстөлгө отурду.

- Уулум акылдуу апа, Калчоро бир аз калжың, бул андай эмес, - деди Урмат, - Туурабы уулум?

- Ал деле жакшы, мага караганда жаш да.

- Мейли-мейли, - деп Гүлшан уулун карап отуруп терең ойго батты, анын сүйлөгөнү, ар бир кыймылы Алтынбекке куюп койгондой окшошуп баратканын сезди: "Ушунча дагы окшош болобу, кызык бир гана жолу жатып койсо боло берсе", - деген ойдо уулун дагы карады. Берилип сүйлөп жаткан экен, анын бүт турпатын окшоштуруп отура берди, чай ичилгенден кийин Асылкүл үйүнө кетти, Калчоро дагы сабагынан келди. Гүлшан эчтеке болбогондой күйөөсүнө үйрүлүп күндөгүсүндөй карап жатты...

Алмаздын ыргыткан ташы улам өйдөлөп отуруп өзүнчө ишкана ачып иши жүрүп ити чөп жеп калган, Айзада толуп кадимкидей парасаттуу аял болуп калган, эң улуусу Мелис он тогузда, андан кийин дагы үчтү төрөгөн, эки кыз, эки уулу бар. Бакыйган чоң үй-бүлөө, Алмаз кычырап машина айдап келип токтогондо Алтынбек короодо жүк көтөрүп бараткан, аны тааныды, бирок барбады, көрсө Сашка анын фирмасында иштейт тура. Алтынбек аны саамга тиктеп туруп: "Аттиң мен минтип селсаяк атанган кезде бул бакыттын дарагынын бийик бутагында турган кези экен, менин мындай абалымды көрбөй койгону дурустур", - деп ойлонуп ишин жасап жүрө берди. Алмаз өз кабинетине кирээр менен секретарша кыз баш багып:

- Сизди Алтынай Барктабасовна чалсын деди, - деди.

- Бара бер, - деген Алмаз телефондун кулагын бурады, - Алло, Алло Алтынайсыңбы? - Ооба-ооба, азыр келдим алтышка, ма-акул мен бир аз иштеримди бүтүп анан барам, - деп трубканы койгондо эшик такылдады, - Кире бер!

- Саламатсызбы Алмаз Кулубаевич! - деп жашы отуздардагы жигит кирди.

- Саламатчылык, кел отур Ильяз.

- Сизге өзүмдүн проектимди алып келген элем.

- Кана көрөлүк, - деди Алмаз, Ильяз колундагы курулуштун макеттин алып үстөл үстүнө жайды, - Оо азамат, бул мага жакты, дал ушунун проектиси менен имаратты баштайбыз.

- Рахмат Алмаз байке, анда ишти баштай берсек болот экен да? - Ильяз кубана карады.

- Албетте, ишти баштайбыз.

- Эмесе мен бара берейин, - деп Ильяз ордунан туруп алмаз менен кол алышты да чыгып кетти: "Буйруса беш кабат үйдү тургузуп койсом иш дагы өргө карай көтөрүлөт", - деп керсейе креслого чалкалай отуруп калды. Андан кийин дагы үч-төрт адам кирип чыкты. Түш болгондо кабинеттен чыгып машинасына отуруп жөнөдү, Алтынай Барктабасовна деген ак үйдө иштейт, Алмазга көп жардам берип келет, өзү бойдок. Ал терезеден анын келгенин көрдү да күзгүгө каранып алып чыгып келди.

- Оо кандай Алтынай, иштериң жакшыбы? - Алмаз түшө калып учурашты.

- Баары жайында, өзүң кандай? - Алтынай кумарлуу көздөрүн жалжылдата жылмайып карады, деги эле Алтынайды кудайым башкача жараткан, мүчө бою да келишип үстүндөгү кийими куп жарашып, кыска чачтары атайын жасалган куурчактын чачындай тармал, көздөрү карагаттай, кирпиктери узун, мурду кырдач, татынакай келин, жашы отуздарда.

- Кайда жөнөдүк? - Алмаз келинге кайрылды.

- Өзүң каалаган жакка, сени күтүп отуруп карышкырдай ач болдум, - Алтынай күлүп калды.

- Мен дагы, өзүм байланышмак болуп келсем секретарша айтып калды.

- Жарайт, баса үй-бүлөөңдөн баштачы, эмне кылабыз Алмаз, ушинтип жүрө беребизби?

- Өз убагы келет Алтынай...

- Мен сени күтүп жүрө беремби, ажыраш аялың менен, - дегенде Алмаз тормозун катуу тээп алып жүткүнүп барып токтоду, - Эмне сен аялыңдан коркосуңбу? - деди Алтынай.

- Жо-жок Алтышка, андан коркпойм, балдарым чоңоюп калды, ошолордон тартынып жатпайынбы? - деп машинасын четке токтотту, биз дордой-плазага келип калдык.

- Жүрү анда, - деп Алтынай чачын сылап коюп түштү дагы Алмазды колтуктай ресторанга кирип келишти. Аерден чыккандан кийин Алтынайдын үйүнө келишти, анын үйү бийик үйлөрдүн биринде үч бөлмөлүү үй, толтура чет элдик мебелдер менен килемдер, үй ичиндеги буюмдардан көзүң чагылышат, өзүнчө эле музей сымал жалтырайт. Алмаз бул үйгө далай келип түнөгөн.

- Бүгүн жумушуң эрте бүттүбү? - деди Алмаз.

- Ишемби экенин унуттуңбу?

- Аа-а, эсимден чыгып кеткен тура.

- Мен сени гана ойлоном, а сенин эси дартың таптакыр башка жакта, - деп Алтынай кучактап алды, - Мени сенден ажырата көрбө деп кудайдан ар дайым суранам Алмаз, - Алтынай Алмазды кучактап алып жөлөнүп алды, - Сенчи Алмаз?

- Алтынай, тердеп кеттим, жуунуп алайынчы, - деп Алмаз андан бошонууга колдорун түртүп жатты.

- Макул, экөөбүз тең жуунуп алалы, - деп Алтынай турган жеринен кийимин чечинип аппак денесин көрсөтө Алмазга кайрылды, - Алмазик, мен ушул апакай денемди, бүт жан дүйнөмдү сага гага ыроологум келет, - дегенде Алмаз эрксиз артына бурулуп бой мүчөсү келишип, жубардай аппак денени көргөндө эң жакшы жасалган статуеткадай денени көрүп эркектик сезимин башкара албай келип кучактай, бүт денесин өпкүлөп келип көтөргөн бойдон ваннага кирип кетти. Ал түнү экөө бирге болду, Алтынай Алмазды ажыраш деп жарга такап туруп алды, эртеси дем алыш болгондуктан төшөктөн тургулары келбей кучакташып жата берди...

Айзада эң кичинекейи менен үйдө калат, Мелис студент, андан кийинки кызы Арууке менен Нурис мектепте, эң кичүүсү Тазагүл беш жашта, күйөөсүнүн кийинки кездери келбей калганга кыжаалат болуп отурган:

- Апа, атам эмнеге келбей калды? - деди Тазагүл.

- Жумушу көп да кызым.

- Караңгыда дагы иштейби апа?

- Кээде кызым.

- А атам дайыма эле келбей калат го?

- Болду, барып ойно, чоң кишилер менен ишиң канча? - Айзада ачуулана кызына катуу айтып алып кайра ачуулана кетти.

- Апа, мен атамды сагынам, - деп тултуйган Тазагүл эшикке жүгүрүп баратып апасына кыйкырды, - Мен атамды жакшы көрөм, сен жамансың, сен жамансың! - деп кетип жатып агасы Нуристи сүзүп алды, ыйлап алган эле.

- Тати сага эмне болду?

- Мени апам урушту, мен атамды көргүм келет, - деп Тазагүл солуктап ыйлап жатты:

- Апа, эмне болду?

- Эмне болмок эле, атам кана деп жанды койбой жатат.

- Атам эмнеге келбей калды анан?

- Жумушу көп да балам, иштесе баары өзүбүз үчүн эмеспи, - деп Айзада ашканага кирди, - Келип тамагыңды ичип ал, мен бир жакка барып келейин.

- Бара бер апа, Татини өзүм карайм.

- Ысыкта көп жүрбөсүн.

- Макул апа, - деп Нурис кала берди, Айзада кийинип алып Гүлшанга жөнөдү, анын үйүнө андан башка дагы үчөө бармак, Урматтын акыбалын көргөнү барышмак болгон. Айзада келгенде алар келе элек экен, Урматтын ал-абалын сурап анан Гүлшан экөө сүйлөшүп отурду, Урмат төркү бөлмөдө телевизор көрүп отурган.

- Акыбал кандай, Алмаз иштеп жатабы?

- Ооба, иштеп жүрөт, Гүлшан бара-бара мен өзүмө батпай баратам, - деп Айзада курбусуна сырын төкмөк болду.

- Эмне болду?

- Алмаз кийинки кездери үйгө келбей калды, эки күн келсе үч-төрт күн келбейт, балдардан тартынып унчукпайм.

- Иши менен жүргөндүр?

- Кантип, түндөсү эмнени бүтүрмөк эле, ал бирөөнү таап алгандай, эмне кылаарымды билбейм, - Айзада бышактап ыйлап ийди, - Айтчы курбум, эмне кылам?

- Кабатыр болбо, балким убактылуу азгырылып жүргөндүр, же жөн эле иш боюнча болуп жаткандыр?

- Биротоло кетип калсачы, анда эмне кылам, башка бирөөнү сүйдүм деп басып кетсечи? - Мен андан ажырагым келбейт Гүлшан:

- Коркпо, Алмаз андай жигит эмес, балдарыңар бой жетип калганда кудай уруптурбу? - Гүлшан курбусун тынчтандырып көңүлүн көтөрмөк болду, ошол убакта дарбазанын ачылганы угулуп калды, - Тигилер келди окшойт, тур бети-колуңду жууп жакшынакай болуп отуруп кал, - деп өзү сыртка коногун тоскону кетти. Астра менен Зиягүл келип Урматтын ал-абалын сурады да кайра залга өтүп Айзаданын келгенин көрүп:

- Оой, сен эрте келипсиң го? - деп күлүп калды Астра.

- Силерди келип калган экен деп келсем жоксуңар.

- Биз эми келдик, - деп орун алды Зиягүл.

- Чайга карагыла, келгениңерге кубанычтамын, - деп Гүлшан курбуларына жылмая карап чай сунду, - Тамак бышканча чай ичип отургула курбулар.

- Келген жөнүбүз сени аяганыбыз Гүлшан, өмүр бою минтип жашоонун өзү тозок го? - деди Астра.

- Койчу Астра, Урмат угуп калса капа болот, - деп Зиягүл аны тыя сүйлөдү, - Балдары турат, ушунча жыл жашаган күйөөсүн бакпаганда кантмек эле, башка келгенин көрбөскө чарасы барбы?

- Ооба курбулар, Урматты өмүр бою кароого акым бар, ал менин балдарымдын атасы, - деп Гүлшан муңая карады, - Тагдыр экен да, баарын көтөрүүбүз керек.

- Во молодец, Гүлшан эстүү аял да, эми ооруп турганда аны таштап кетмек беле, ал бул үчүн баарын жасады, жаштыгы бирге өттү, эки уул тарбиялашты, - деп шакылдап жатты Зиягүл.

- Деги айттым да, капа болбо Гүлшан, - деп кызаңдай түштү Астра.

- Койгула эми, Урмат угуп калат, - деди Айзада акырын айтып.

- Ооба, жүрөгү ооруйт, ага эле оңой дейсиңби?

- Гүлшан, мынча келгенден кийин сенин көңүлүңдү көтөрөлү, кел мындан алып коелу, - деп Зиягүл виносун алып чыкты, - Стакан алып кел эми.

- Ооба, Урматты деле чакырып кой, биз менен отурсун, - деди Айзада.

- Мен чакырып келейин, - Гүлшан Урмат отурган бөлмөгө кетти.

- Буга кыйын эле болду, байкуш өмүр бою бир майыпты багабы?

- Болду угат, оозуң жаман сенин, күйөөсүн бакпаганда эмне кылат, - дешип бири-бирин түрткүлөп калышты.

- Урмат болбой койду, - деп Гүлшан кайра келди, - Мейли өзүнчө тамак ичет, балдар келсе тамактанышат, - Гүлшан чоң табакка үймө кылып плов көтөрүп кирип дасторконго койду. Төртөө шакылыктап отурушуп винодон ичип отурушту, Гүлшан андан кийин коньяк алып келди, кечке чейин отуруп анан кызый баштаганда кетишти, алар кеткенден кийин Гүлшан Урматтын жанына келди.

- Бир аз ичип койдум, капа болбойсуңбу?

- Эмнеге, теңтуштарың менен отурганда капа болмок белем?

- Капа болбочу, сени капа кылып аламбы деп эле корком.

- Кабатыр болбо, капалангыдай мен бөлөк-бөтөн белем, Күлчоро эмнеге кеч келип жатат, сурасаң боло?

- Жүргөндүр да, жаш эмеспи, азыр компьютер деген чыгып балдардын баары эле интернетте жүрөт, - деп Гүлшан Урматты тынчтандырды. Күлчоронун өмүрүндө эки нерсе болуп өтүп жаткан, бири өзү менен окуган Аделя деген кызды сүйүп калып башы сүйүүдөн тумандап жүргөн. Экинчиси анын машинасына бир катты таштап кетиптир, ал катта мындай деген жазуу бар эле: "Саламатсыңбы уулум, мен сенин атаңмын деп айтууга акым деле жок, бирок айтууга аргасызмын! Уулум апаңды мен акылымдан ашып сүйгөмүн, ал үчүн баарына даяр элем, бирок бизди сенин таятаң бөлдү... Апаңды башка бирөөгө бермек болду, аны мен кеч билип калдым, анткени апаң муну атасынан коркуп айтпаган экен. Аны күйөөгө берээрин угуп мен ал жигитти өлтүрмөк болдум, бирок ал өлгөн жок, кийин сакайып кетиптир, ачуум менен жаштыгым эмне кылып жатканыма сарасеп сала албай машина менен катуу баратып бурулуштан бир аялды баласы менен уруп кеткенимди кийин билдим, ошентип түрмөгө түштүм. Кыскасы апаң таптакыр башка адамга турмушка чыкты... Демек сенин азыркы атаң! Сен менин уулумсуң, кантип сага айтаарымды билбейм, менин сенден башка эч кимим жок! Дүйнөдө сендей уулум бар экенин билип жашоодо бактылуу болуп өзүмдү-өзүм алаксытып жашоого ыраазы болуп келем, - деп сенин атаң... 2005-ж.", - деген кат эле. Күлчоро абдан капа болуп үйдөгү өзүмдүн атам деп жүргөн адамдын башка экенин билгенде жан дүйнөсү ооруп үйүнө келгиси келбей басып жүрдү, бирок ал катты, машинасына ким салганы белгисиз, үчүнчү жолу колуна тийип отурат. Анысын Гүлшан кайдан билсин, кеч келип бөлмөсүнө өтүп кеткен уулунун артынан кирди:

- Уулум, ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң?

- Жөн эле, басып жүрдүм.

- Басып жүргөнү эмнеси, атаң кабатыр болуп жатат.

- Атамбы? - Күлчоро апасына карады, анын жүзүндө ыза менен арман бар эле, көзү апасын жек көрүү менен атып турган, Гүлшан уулунан жазганып кетти, - Атам кабатыр болуп жатабы?

- Ооба, атаң күндө сурап жатат, эмнеге кеч келип жатат, контролдобойсуңбу деп... Жолукпай дагы койдуң.

- Сизчи? - деди жылмайган түрдө.

- Мен дагы...

- Жаңылып-жазып калбасын дейсиздер го?

- Андай сөздү айтпачы.

- Балким түрмөгө түшүп калбасын дейсиздер...

- Кайдагыны айтпай кардыңды тойгузчу балам, - Гүлшан артына бурулуп кетмек болду.

- Кардым ток, мен ката кетирбегенге аракет кылам апа, сиз эс ала бериңиз, - деп жатмак болуп чечинип киргенде чыгып кетти: "Бул эмне деп жатат, Алтынбек жолукканбы, баарын айтып койгонбу, же жөн эле айтып жатабы, бала эмеспи, өткөөл курагы эмеспи", - деп өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө кирип жатып калды.

- Күлчоро келдиби? - деди Урмат.

- Ооба.

- Кайда жүрүптүр?

- Балдар менен жүрсө керек, сурабадым.

- Сураш керек, эне деген балага жакын болбойбу.

- Эми Күлчоро өткөөл куракты өткөрүп жатпайбы...

- Жок, антип оюна койгондо болбойт, мага болсо жолукканын койду.

- Капаланба, эртең эле келет, - деп Гүлшан жубата сүйлөдү, Урмат ошол бойдон үн катпады: "Кантсе дагы каны бөлөктүгүн кылат экен да, өз балам эртели кеч ал-акыбалымды сурап турат, же бир сөз уккан", - деп ойлонуп жатты. Экөө эки башка дүйнө, эки башка сезимде бир гана баланы ойлонуп жатты, Гүлшан уулунун кыялы өзгөргөнүн ойлонуп, бир жагы өзүнүн сагынычы болгон Элмуратты ойлоп же эркин басып кете албай бук болуп жатты, Урмат чынында аял менен боло албай калган эле. Жанында күйөөсү жатса дагы эңсөөсү башкада болуп турду. Күндө окшош мүнөттөр, сааттар биринен сала бири алмашылып убакыттар ченемсиз өтүп жатканы менен Урмат үчүн ар бир саат, ар бир мүнөттүн өтмөгү тозок. Ал бүгүн дагы сыртта отурган, Гүлшан үй ичиндеги жумушу менен алек, дарбазадан чыгып коляскасын тегеретип эки жакты карап турган, баягы адамды негедир көргүсү келип: "Сыртта бир эркектин болгону жакшы экен, Гүлшан жалгыз каржалып кетти, балдар али жаш, жашоонун кызыгын биле элек, түшүнбөйт", - деп ойлонуп турганда Алтынбек ары жактан көрүнүп калды, ал Сашка менен иштеп Алмаздын фирмасында болуп калган, бирок Алмазга көрүнүүдөн намыстанып кээде басып кетет. Бүгүн дагы Күлчорону көрүү үчүн келген эле, ал машинасы менен чыгып кеткенден кийин өз жолу менен кетип бараткан.

- Оой байке! - деди Урмат.

- Аа-а, - деп бурула берген Алтынбек аны көрүп чоочуп кетип: "Буга эмне болгон, баягыда эле сопсоо эмес беле", - деп басып келди, - Угуп жатам жигит.

- Сиз бараар жерим жок дедиңиз беле?

- Ооба, - Элээ карап калды.

- Бизде жатаар жер табылат, бир аз эркекке ылайыктуу жумуштар бар жардам бересизби?

- Жарайт, канча убакытка?

- Өзүңүз кааласаңыз биротоло.

- Макул жигит, мен кийим-кечемди алып келип алайын.

- Жарайт, келе бериңиз, - Урмат ойлонуп туруп, - кааласаңыз айына миң сомдон берип турабыз, - деди.

- Макул - макул, - Алтынбек бурулуп кетти, ал кубанып турган эле, эртели кеч баласын көрүүнүн самаган тилеги орундалганы турбайбы.

- Атыңыз ким байке? - деди ал узай бергенде Урмат.

- Мм, - Алтынбек бир саам такала түштү, - Атым Алик...

- Болуптур Алик байке, менин атым Урмат, келип калыңыз, - деди да коляскасын айдап кайра дарбазадан кирип кетти, короосу кенен, салынгандан бери сарайлары бүтө элек болчу, аларды ойлуу карап турду: "Демек ушуларды бүтүргөнгө жарайт, эртели кеч жасай берсе бүтүп калат, кийин мал кармаганга даяр болуп калат", - деп ойлонуп отурганда чыныга чай алып Гүлшан чыкты:

- Чай ичип алчы, оозуң кургады го?

- Муздак болсо ичейин.

- Жылымык... - деп Гүлшан чыныны сунду, кылкылдатып жутуп алып отуруп калды, - Тамак бышканча сыртта отура тур ээ?

- Макул, - деп үн катты Урмат.

- Апамдар телефон чалды, келишет го?

- Бүгүнбү?

- Ооба, атам экөө тең келебиз дегендей болду.

- Келсе эт-аш алып келишээр бекен.

- Ким билет?

- Кой, мен алар келгенче бирдеме жасап турайын, - деп Гүлшан үйгө кирип кетти, көптөн кийин Күлчоро кирди, ал атасын бир карап алып:

- Ата кандайсыз? - деди кабак чытый.

- Жакшы, уулум келчи бери.

- Ата, мен кайра кетем, шашып жатам.

- Бир аз убактыңды атаң үчүн бөлө алаарсың?

- Ата...

- Отур жаныма! - деп буйрук бере айтканда Күлчоро башын ылдый салып Урматтын жанына келди.

- Эмне болуп жүрөсүң, үйгө кеч келесиң, же мага же апаңа сырыңды айтпайсың, бир нерсеге капасыңбы?

- Жок, жөн эле окуудан кыйналып жүрөм.

- Окуудан кыйналгандай эмне, орус тилин менден жакшы билесиң, англис тилин деле жакшы окуйсуң, эмнеси кыйын болуп жатат?

- Эчтеке!

- Уулум, сенин мунуң жарабайт, сени биз адам болсун деп багып-өстүрүп, окутуп жатабыз.

- Рахмат ата, мен бара берейинчи.

- Макул бара гой, эсиң бар уулум, адам болууга тырыш.

- Уктум ата, - Күчоро үйгө кирип кетти.

- Келдиңби балам? - Гүлшан алдынан чыкты, - Чечин да тамак ич.

- Жок, кардым ток.

- Балам, сен кандай кыял баштап алгансың?

- Кыял эмес, канымда болсо керек.

- Эмне?! - Гүлшандын жүрөгү шуу этип алды, - Күлчоро, сен мага эмнени айта албай жүрөсүң?

- Эчтеке, убактымды албаңызчы апа, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти, Гүлшан артынан кирди.

- Сен башкачасың, бирөөдөн жаман сөз уккансың го?

- Кимден, же күмөн санаган адамыңыз барбы? - Күлчоро апасына карады, - Кимдир бирөө бир нерсе айтышы керек беле апа?

- Жо-жо-ок, балдар менен урушуп талаштыңбы дегеним да.

- Андай эч нерсе жок, - деди да спортивкасын кийинип чыгып кетти, Гүлшан жүрөгү лакылдай артынан карап: "Бул соо эмес, бир сөз уккан, Алтынбек атаң менмин дегенге бизди жаман көрүп жаткан го, ай кудай ай, эми эмне кылам", - деп телмирип турганда:

- Күлчорого бирдеме болгон, мурункудай эмес, - деди Урмат.

- Эмне болмок эле?

- Билбейм, тез өзгөрүп кетти.

- Айттым го, өткөөл курагы деп, өтүп кетет, ага капаланба, - деп дарбазадан баштык көтөрүп кирип келе жаткан Алтынбекти көрүп жаман болуп кетти:

- Сиз... сиз кайда?

- Гүлшан, бул байкени мен чакыргамын, - деди Урмат.

- Эмнеге? - Көздөрүн алайта мууну калчылдап кетти.

- Эшикте иштер көп, андан көрө байкеге бул жактан бир бөлмөнү даярдап, жууркан төшөк бер, тамак ашты биз менен ичет, - деген Урмат Алтынбекти карады, - Алик байке мындан ары мына бул жактарды жакшылап тазалап, шыбайсыз, канча иш бүтүрсөңүз акысын аласыз.

- Жарайт, - деп койду Алтынбек, Гүлшан ичке кирип алып өзүнчө бушайман болуп жатты: "Бул эптеп кирип алып эмне кылганы жүрөт, деги максаты эмне, дагы сүйүүсүн таңуулаганы жүрөбү, шашпа сени бул үйгө жолобой турган кылам, балага бир ооз сөз айта турган болсо", - деп эмне иш жасап жатканын сезбей алагды боло берди. Ошол убакта кайната кайненеси менен кайын сиңдиси күйөөсү менен келип калды. Алар Урматты кучактап өөп, зээндери кейигенин билдирбей үйгө алып киришти, Гүлшан тамагын коюп сыйлап отурду. Бермет келинине ыраазы, келин болуп келгени өйдө карабады, сыйлап эле турат, кайнатасы Арзыбай дагы жакшы киши, алар чогулуп кеңешкени келишкен.

- Урмат, - деди Арзыбай, - Сен макул десең Америкада атайын врачтар бар дейт, сени ошол жакка жөнөтөлү, бутуңду салдырып кел...

- Ата, өз бутум болбогон соң...

- Жок дегенде таяк менен өзүң басып каласың балам.

- Кереги жок!

- Балам, каршы болбо, жеңилдеп каласың садага, - деп Бермет уулун көндүрүүгө аракеттенип жатты, - Сен биз үчүн али дагы жашсың балам.

- Апа, жомокту айтпагылачы!

- Ойлон балам, али жакшылыктар алдыда, эки уулуңду үйлөйсүң, куда күтөсүң, жашоо деген кызык балам, жакшылап ойлон, - деп Арзыбай каңырыгы түтөй сыртка чыгып Алтынбекти көрдү.

- Алик байкеге тамак бер Гүлшан, - деди Урмат.

- Макул, азыр берем.

- Аның ким балам?

- Жүргөн бирөө да апа, үй-жайы жок экен, короо-сарайды оңдотуп коеюн, балдар азыр жаш, оокат-тиричилик менен иштери да жок апа, үйлөнүп-жайлангыча өз-өзүнчө үй даярдоом керек балдарга, - деди Урмат башын жерге сала, - Мен азыр майыпмын, колумдан эчтеке келбейт, аларга кам көрүүм керек апа.

- Аның туура балам, мейли жакшы неме болсо жүрө берсин, зыяны тийбесе болду, сооп болот, - деп Бермет тим болду. Кечке жуук алар кайра эле кетишти, Урмат ойлонуп отурганда Күлчоро келди, негедир көңүлү ачык, кубанып алган.

- Балам кубанычтуусуң го?

- Ооба ата, - Күлчоро Урматты көздөрүн күлүңдөтө карап калды, - Ата, сиз канча жашыңызда үйлөндүңүз эле?

- Эмнеге сурадың?

- Деги да, - Күлчоро башын кашылап туруп калды.

- Үйлөнмөксүңбү?

- Болобу? - деп күлүп койду.

- Кызың барбы? - Урмат дагы күлүп карап калды.

- Ооба ата, аны атасы башкага бермек болуп жатыптыр, - дегенди укканда Гүлшандын кулагына шак дей түштү: "Бул ошол үчүн кыял - жоругун өзгөртүп жүргөн го, кудай ай деги менин тагдырымды, атасынын тагдырын кайталашпаса экен", - деп ойлонуп тыңшап туруп калды.

- Анан эмне кылмаксың? - деди Урмат жай гана.

- Билбейм ата, мен Гүлинаны сүйөм, аны берип ийсе эмне кылам?

- Кызчы, кыз дагы сени сүйөбү?

- Ооба, ал башкага барбайм деп ыйлап жатат.

- Мм, демек апаң экөөбүз кеңешишибиз керек экен, - деп Урмат унчукпай жаагын таяна отуруп калды.

- Апам болбой койсочу? - Күлчоро кабагын салаңдата карады.

- Андан көрө өзүң жаштык кылбайсыңбы уулум?

- Он сегизге толбодумбу?

- Толгону толдуң, бирок али жашсың да.

- Мен анда кийин эч качан аял албайм! - деп таарынгандай өз бөлмөсүнө көздөй бурулду.

- Токто!

- Эмне кылайын?

- Сен сабагыңды окуп, эс ала бер, мен апаңа айтайын.

- Макул ата! - деп Күлчоро кубанычтуу Урматты өөп алды, - Апамды көндүрөсүз да, ээ ата?

- Сөзсүз, сен кам санабай жообун күт.

- Макул, - деп кирип кетти, Гүлшан мындан он огуз жыл мурунку өз башынан өткөн окуяны көз алдына келтирип жүрөгү шуу дей түштү: "Эгерде макул болбой койсо бул эмне болот, бул атасынын дал өзүн тартканын кара, Алтынбек дагы үйдө, ал билдирип коебу, деги жашоомдо эмнелер болуп жатканын түшүнө албай жинди болуп кетпесем болду", - деп ойлонуп күйөөсү отурган бөлмөгө эч нерсе билбегендей кирди.

- Гүлшан, сүйлөшө турган сөз болуп калды.

- Жайчылыкпы? - Гүлшан сыр билгизбей кайдыгер сурады.

- Жайчылык эле, Күлчоробуз бой жетиптир, - Урмат Гүлшанды жылмая карады.

- Бой жеткенин эми байкадыңбы?

- Анысын айпадым, балаң үйлөнөм дейт го?

- Койчу, кимге үйлөнөт экен? - Гүлшан чоочугандай түр көрсөттү, - Кимдин кызы, кайдан экен?

- Ким билсин, бирок Күлчоронун кайра тартаар түрү жок, ата-энесин билип өздөрү макул болбосо ала качып келе берсин.

- Көрбөй билбей элеби?

- Гүлшан, сен андай дебе, бала өзү сүйүп турса экөөбүз кандай жер, кандай кыз деп териштирип отурганга убакыт жок, - деди Урмат токтоо сүйлөп, - Минтип калганымды карачы, болбосо өзүм билип алат элем...

- Капаланбачы эми, баланы оюна кое берсек асмандагы айды алып бер дебейби? - деп Гүлшан күйөөсүн тынчтандыра жанына келип ийинине колун койду, - Шартыбызга карайлы, сен адегенде атамдардын айтканына көнүп Америкага барып аягыңдан туруп кел, жок дегенде бир таяк менен басып калсаң жеңил болот, жакшылап ойлон Урмат.

- Жок, Америкага барсам дагы Күлчорону үйлөнтүп коюп анан барам, - деп Урмат ачуусу келе айтты.

- Анчалык ачууланбачы, балаңдын өзүнө сүйлөшөлү, - Гүлшан унчуга албай калды. Акыры кеңешип-таңашып кызды ала качып келмек болуп даярданып жатышты, Гүлшандын төркүндөрү менен Урматтын туугандары чогулуп келип келиндин келээрин күтүп калышты. Гүлинанын атасы мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан, кызын ала качып кеткенде төрт баласын жөнөттү, алар келип мушташканга даяр болуп күпүлдөп жатышты:

- Кызды зордоп алып келдиңер, чыгаргыла сыйыңар менен, болбосо милиция алып келебиз, - деди эң улуусу Байсалбек.

- Сотко беребиз, Гүлина жаш, балаңарды каматабыз! - деп кеп укпай кызды сууруп кетүүгө жулунуп жатканда жарданып турган эл сүрүлө эки жакка боло берди, жулунуп жаткан агалары селдээ туруп калышты, Гүлина чыгып келе жаткан эле:

- Аке, мени эч ким зордоп ала качкан жок, өз эрким менен келдим, мен атамдын сөзүнө каршы чыктым ал туура, бирок бул жерден эми өлсөм өлүгүм чыгат, тирүү кетпейм! - деди Гүлина.

- Гүлина, атам капа болуп жатат, сени алып келгиле деген.

- Айттым, эми атам кечирсин, болбосо менден кечип койсун, каалабаган адамга өмүр бою кор болуп жүрө албайм! - деп кайра кирип кеткенде төрт агасы бири-бирин карады да башка чапкандай артына бурулуп машинага жете бергенде чогулган эл аларга барып үйгө кир дешип жакшы эле айтышты, бирок алар болбой кетип калышты. Урмат ага абдан ыраазы болуп он миң сом менен бир торпок, майда -барат кылып ачуу басар жөнөттү, алар кабыл алып жакшы тосуп алганын угуп кубанып калышты. Бүгүнкү той ошентип ызы-чуу менен башталган эле, Алтынбек баарын өз көзү менен көрүп турат, уулунун жакшылыгында бир ооз сөз сүйлөөгө кудурети жетмек эмес, жетсе дагы акысы жок болчу. Анткени Урматтын Күлчорону кандай жакшы көрөөрүн билип көрүп өзүн атаңмын деп айтууга оозу да бармак эмес, өкүнгөндө не пайда, жок дегенде уулунун жакшылыгын өз көзү менен көрүп турганына канимет кылып турду. Коноктор микрофон менен бакылдап сүйлөп, эки жашка бак-таалай каалап, ырдап бийлеп жатышты. Таңга маал гана бака-шака басылып эс алууга тынчып калышты, бир гана Алтынбек сыртта басып жүрдү, эл аягы суюлган кезде Гүлшан сыртка чыгып Алтынбекти издеп үйдүн артына барды, ал ойлуу ары карап отурган.

- Алтынбек, - деди Гүлшан аста үн салып.

- Оов, - Алтынбек Гүлшандын үнүн угуп алып селт этти, жүрөгү болк этти, ушул үйгө келгени атынан айтмак турсун бет келгенден качып жүргөн Гүлшандын минтип атынан чакырганы кубанычка батырды, - Эмне болду Гүлшан? - Үмүттүү карады, айлана сыртта күйүп турган жарыкка бөлөнүп даана көрүнбөсө дагы күңүрт болуп бири-биринин маңдайында ыңгайсызданып турушту.

- Алтын, келиндүү болушуңду куттуктайм!

- Гүлшан, сага ыраазымын, өзүңдү да куттуктайм!

- Жүрү, тамак ичип ал, тойдон ооз тий.

- Макул, сен айткан соң барбай кое албайм, ушу кубанычтуу күндү көргөнүмө дагы ыраазымын, - деп Алтынбек артынан басты, эшиктин алдында узун үстөл үстүндө тамак аш жайнап турган, Гүлшан бузула элек коньяк алып келип тамактан жаңылап салып келди, идиш-аяк жыйнагандар дагы өздөрүнчө кобурашып келиндин урматына ичип отурушкан, Гүлшан бир аз кызуу, алар менен иши да жок.

- Гүкү, - деди Алтынбек жай, салмактуу сүйлөп, - Мен сенден мындайды күткөн эмесмин, жүрөгүм кубанычтан токтобой согуп өзүмдүн сенин маңдайыңда, баламдын тоюнда отурганыма ишене албай түш көрүп жаткан сыяктуумун, - Алтынбектин мууну калтырай үнү кардыга түштү, - Өзүмдү өлгөн адам катары сезип калдым эле...

- Алтын, сенин ушундай тагдырга туш болгонуңа мен дагы себепкермин, кийин түшүндүм, сенин мага деген сүйүүңдүн ушунчалык таза, бийик экенин, кечир мени, Күлчоро акыры түшүнөөр, убактысы келсе айтам, ал менин милдетим, - деди акырын.

- Рахмат, эми эки бала бактылуу болушсун, ылайым уулубуздун өмүрү узун, келечеги кең, элге керектүү адам болсун, Урмат экөөңөргө ыраазымын, уулумду ушунчалык өстүрүп үйлөнтүп жайлантканыңарга, аман болгула!

- Кел эми алып кой, келинибиз ыймандуу, ырыс кешиктүү болсун ээ?

- Ошондой эле болсун, кубанычыңарга тең ортокмун! - Экөө тең алып ийишти. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, Гүлшан өзүнчө өткөнүн ойлонуп, Алтынбек өзүнчө көз алдынан өткөрүп, экөө тең бирде ыйлап, бирде күлүп отурушту.

- Эми эс ал Алтын, таң атып калды, мен үйгө кирейин, - Гүлшан ордунан турду, - Мындан ары жакшы ниеттеш болуп жүрөлү.

- Рахмат, кеч болсо дагы түшүнүп, уулумдун тоюнда катарга кошуп тилегимди аткарганыңа, бактылуу бол, - деп экөө эки бөлүнүштү. Гүлшан ичкери кирсе Урмат ойгонуп сыртка чыкмак болуп турганга аракет кылып жаткан экен.

- Кое тур, мен тургузайын, - деп Гүлшан жөлөй калды.

- Кайда жүрөсүң?

- Үстөлдү жыйнадым, бирөөнүн оокатын бирөө билмек беле, баш көз болуп турбаса.

- Аның ырас, - Урмат Гүлшандын жардамы менен коляскасына отурду, аны сүйөп сыртка алып чыкты, Алтынбек өзүнүн бөлмөсүнө кирип чылымды буркурата терезеде турган, аларды көрүп терең дем алып алды: "Тагдыр ай, күйүп жанып, ишке тойбой турганда бул майып болуп көз каранды болуп калды, мен минтип арасат жашоодо турам, калыссыз жараткан ай", - деп күрсүнүп алды. Алтынбек менен Урмат тең чамалуу эле, болгону сакал муруту өскөндүктөн андан улуу көрүнүп байке деп жүрөт. Мурда Алтынбекти көрбөгөндүктөн анын Алтынбек экенинен күмөн санабайт дагы, анткени өзүнүн көйгөйлүү тагдыры жүрөгүн өйүп эртеңи бүдөмүк болгондуктан башканы ойлоого чамасы да жок эле...

Аскар өзүнөн күмөнсүп врачтарга көрүнүп көрсө баары жайында экен "өх" деп алды, анткени коркуп жүргөн болчу. Мээрим врачтардын берген укол-дарыларын алып, өзү билип кошумча дарыланып жүргөндө кайненеси ага минтти:

- Балам, сени тиги көзү ачыктарга алып барайынбы?

- Эмнеге апа?

- Ботом, балама уулбу-кызбы төрөп берсең болот эле.

- Апа, врачтарга көрүнүп жатам.

- Ой кокуй күн десе, андан көрө мазарга барып түнөп келгиле, мен кошо барам, Аскар экөөңөрдү алып барайын, союш союп тайып келели, - деди Бурул чечкиндүү.

- Апа, анын эмне кереги бар?

- Бар балам, мазар деген ыйык, сураганыңды берет, аерге ишенип, дилиңди буруп барып кудайга мунажат кылсаң сага берет, илгертен мазарды кыргыздар ыйык тутуп келишет балам.

- Макул, Аскар макул болсо...

- Болот, болбогудай эмне? - Бурул булкунуп алды, анын ошондой бир кыялы бар, бирок зыяны деле жок, ачуусу келсе бир силкинип алмайы бар. Кечинде келген Аскардын моюн толгогонуна карабай көндүрдү дагы союшу менен боорсогун даярдап алып бейшемби күнү мазарга келишти, эл көп экен, эртелеп келген көзү ачык менен бакшылар бар эле, көрүнүп сыйынганы келгендер андан көп. Түнү бою бүбү ак уруп чыкты, тегеректеп отургандарга көзүн жумуп алып, көчүгү менен жылып келип камчысы менен чаап өтүп жаткан бүбү:

- Ак алмадай баш түштү,

Ак көгүчкөндөй уул түштү,

Азирет болсун ысымы,

Алладан жакшы сыр түштү! - деп Мээрим менен Аскарды камчы менен жонго чапкылап көзү менен ымдап, "туруп кет" дегендей болду. Экөө чыгып кеткенде Бурул сыртта жүргөн:

Кудайым берди балдарым, эми бир аз эс алып алгыла, эртең эрте жолго чыгабыз, - деди.

- Ой апа, таң атып калбадыбы, отуруп эле туралы, - деди Аскар.

- Жок балам, таң эми эле сүрбөдүбү, чырм этип алгыла.

- Макул, - деп алар талдын түбүнө жаткандарды бир сыйра карап алышып алардан төмөн карай көк шиберди көздөй басып кетишти. Таң ата келгендер менен жөнөп кетишти. Үйүнө келгенден кийин дагы түлөө өткөрүп ата-арбактарга арнап куран окушту, кудайдан көптөн көп суранып жатып калышты. Ал арада Улукбек менен Бурул кеңешип Зуура менен Авазбекти конокко чакырышты, сыйлап кийит кийгизип анан жөнөтүштү. Зуура ушул кезде абдан бактылуу болуп күйөөсү менен ынтымактуу, уул-кыздары тез-тез чакырып, ар бир даталуу күндөрдө коноктоп турушат. Балдарына Зуура жагып калган, Мээримди дагы сыйлап бир туугандай мамиледе болуп калышты. Аскар менен Мээрим жумушуна кеткенде Бурул күйөөсү экөө отурганда:

- Бечара, Зуурага ырас эле болду, жалгыз үйдө соксоюп отурбай, багына Авазбек дагы жарашып калган экен, - деп калды.

- Мейли кемпир, ар ким көрө берсин, пешенеге кандай жазса ошону көрөт да пенде.

- Мээримдин дагы көңүлү ток болуп калды, болбосо сары санаа болуп отурмак, - деп шыпшынып жатты.

- Эмне кылсын бечара, атадан жалгыз болсо сары санаа болот да, - Улукбек кемпирине: "Эмне кыласың, аны кеп кылба, балдар укса капа болушат", - дегиси келди, бирок унчукпады. Адам баласы убакыттын өткөнүнө сарасеп салбай тиричилик деп жүрүп өмүрдүн өткөнүн сезбей калат тура. Жаман-жакшы, бактылуу бактысыз өмүрлөр бири-бирине чиркешип өтүп кете берет. Мээрим арадан эки ай өткөндө өзүнүн салмактанып калганын сезди, уйкусу келип зорго турат. Бир күнү сыртта окшуп отурганын көрүп Бурул өзүнчө кубанып алды.

- Буйруса неберелүү болот экенбиз чал, - деди ичкери шашып кирип.

- Болсун кемпир болсун, кантип билдиң?

- Келиниңди көптөн бери байкап жүрөм, тамакка көңүлү тартпай жүргөн, бүгүн сыртта кусуп жатат, - деди Бурул шыбырай.

- Болсун байбиче, кубанбай эле коелу, балам эмне күндү көрбөдү, эми жараткан жамандык көрсөтпөсүнчү.

- Кудайым жакшылыгынан жалгасын, баягыда эле бүбү айткан чал, атын Азирет болсун деп, Азиретаалы атанын арбагы колдосун, кудайым өмүрлөрүн берсин, - деп күңкүрөнө бата кылды Бурул. Кубаныч адамды көккө серпилтип, кайгы адамды мүңкүрөтүп коет, бул үй-бүлөөдө бактылуу көз ирмемдер ар дайым өкүм сүрүп баягы Аскар ооруп жүргөн кездегидей жымжырттык жок. Тогуз айдан кийин Мээрим балканактай уул төрөп алды, атын азан чакырып Азиретаалы коюшту. Аскар кубанычтуу келинчегине ыраазылыгын көздөрү аркылуу билдирип турду, анткени ата-эне аларга: "Өтө эле кубанбагыла", - деп тыюу салышкан.

- Экөөңөр тең кеч балалуу болдуңар балдарым, туулганына эмес тураарына сүйүн деген сөз бар, көп баланын бириндей эле көңүл бурбай койгула, - деди Улукбек.

- Экөөңөр ишиңерди иштей бергиле, неберемди жан адамга көрсөтпөй өзүм багам, - Бурул ага кошумча болду, анткени баланын так төбөсүндө капкара тутам чачы дагы бар эле. Кыркын чыгаргыча эч кимге көрсөтүшпөдү, келгендерге Бурул баланы көрсөтпөй эле, - Неберем жетик төрөлгөн жок, азыр аны көргөндө эмне, аман болсун, көрө бересиңер, - деп чай-пайын берип жөнөтүп ийет. Кудагыйы Авазбек экөө келгенде ага ачыгын айтты. Ошентип кыркы чыккандан кийин гана жээнтек берип коңшу колоңун чакырды, ошондо дагы бешикте уктап жатат деп көрсөткөн жок. Мээрим бул кызыкка таңгалып жүрдү: "Ашыкча обу жоктуктун эмне кереги бар, өзгөчөлөнтпөй эле коюшса болмок", - деп жаман болуп жүрдү, анткени иштешкендери чогулуп баласын көргөнү келишкенде дагы көрсөтпөй койгон эле.

- Аскар, - деди Мээрим бир күнү, - Апам баланы анча эле эмнеге элден бекитет, туура эмес го?

- Эски кишилер да, каалаганын кылсын, эмкисин өзүбүз каалагандай кылабыз, - деп Аскар келинчегин өөп койду, - Кары кишилердин көңүлүн калтырууга болбойт, бактылуусуңбу жаным?

- Аябай, ушул бактыбызды кут кылса экен.

- Ооба жаным, кудай кут кылсын, - Аскар келинчегин бооруна бекем кысты, - Сен менин баарымсың Меха.

- Сен дагы менин баарымсың.

- Эс ал жаным, эртең кайрадан жумуш.

- Ооба, эс алалы, жакшы укту.

- Сен дагы жаным, - Экөө кучакташып жатышты, четте наристе бешикте бышылдап бейкапар уйкуда. Бурул түнбү-күнбү чыр эткен баланын үнү чыкса эле жүгүрүп жетип келип өзү карай турган болгон. Аскар менен Мээрим күлүп эле калышат. Мээрим эртең менен жумушка кетип кечке маал келет, ошого чейин сүт берип багып, кечинде келгенде:

- Эмчегиңди жууп сал, жумуштан саап койдуңбу? - деп турат, анда күлүп Мээрим айтканын жасоого аргасыз.

- Ооба апа, түштө саап койгомун.

- Ошент, ачыган сүтүңдү балага берип ичин бузасың.

- Ой апа-а, мен деле билем го?

- Билсең да менчелик билбейсиң балам, бала деген азиз болот, болоор-болбостон ооруп-сооруп калбасын, - деп дегеле моюн бербейт. Ошентип Азиретаалы дагы чоңоюп баратты, бул кезде Мээримдин экинчи баласы боюна болуп калды, чулдуруп сүйлөп калган кезде башкача акылдуулугу сезилип турчу, Бурул небересин ошондо деле эч кимге көрсөткүсү келбейт, себеби бала уктап жатканда маңдайынан бир башкача нур төгүлүп тураарын көргөн, ошондуктан баланы көп адамга көрсөтпөйт. Ошентип бактылуу үй-бүлөөдө негедир өзгөрүүлөр болуп жатты, кыштын күнү бооз уйу эки музоо тууп коюптур, эч кимге көрсөтпөй бирин гана чыгарып багып жатты, кой эчкилери эгиздеп, үч эмдеп төлү дагы жакшы болду, Аскардын иши жүрүп кызматынан өйдөлөсө Мээрим башкы врачтын ордун ээледи. Улукбек ойлонуп көрүп ата-арбакка багыштап куран окутуп, Бурул экөө тең намазга жыгыла башташты. Эң улуу келини үч эм төрөп эки уул, бири кыз болуп өкмөттөн сыйга үч бөлмөлүү үй алышты: "Бул бизге алла-тааланын жиберген ырыскысы, кел-кел келип турат, чайпап-төкпөй кармагыла балдарым", - деп айтчу болду Улукбек балдарына. Бир күнү алардын эшигине лөлү келип: "Бал ачып берем", - деп турганда Бурул урушуп кууп кетиргени жатса Мээрим чыга калып аларды карап калганда: "Эй катын, ырыскы дөөлөт тиги аялда экен", - деп коюп басып кетти...

Алмаз Алтынайдан чыкпай калды, үйүнө барбай, барса дагы балдарына акча берип коюп ар кандай шылтоолорду айтып шашылып чыгып кетет, бүгүнкү келгенинде дагы ошентмек болгондо Айзада:

- Алмаз, сен ушинтип балдар менен таштап кетесиңби, сүйүүңдүн жеткен чеги ушул беле? - деди алдынан чыгып.

- Айзада, мен силерди таштаганым жок, иш көп, - деп жер карап туруп калды, - Сен мени түшүнчү Айзада.

- Жок Алмаз, сенин түрүң башка, башка бирөөгө азгырылдың, балдарыңды бир аялга алмаштыргың келдиби?

- Түшүнчү Айзада, мен силерди эч кимге алмаштырбайм, болгону менин иштерим болуп жатпайбы, мен бир жаңсыл болуп алайын.

- Макул, чыдаган жаным дагы чыдайын, Тазагүл сени сагынып ыйлап жатат, канчага күтөлү?

- Азыраак чыдагыла, мен силер мененмин, - деп Айзаданы эңиле калып өөп анан чыгып кетти, турган жеринде муңканып ыйлап жатты, балдары үйдө жок болчу, Тазагүл ойноп жүргөн, Арууке кыздарына кеткен, каникулга чыккандан бери балдары үйгө токтобойт, Айзада абдан чөгүп кеткен, босогодо солкулдап ыйлап турганда Тазагүл чуркап жетип келди.

- Апа, атам келдиби?

- Ооба кызым, - Көз жашын сүртүп кызына күлүмсүрөдү, - Ойной бер кызым.

- Мен атамдын машинасын көрдүм, эмнеге бат эле кетип калды апа?

- Иштери көп экен кызым, жакында келет.

- Келбей койсочу? - деди балалык жүрөгү бир нерсени сезип тургандай, - Ыйлап жатасың го, атам уруштубу?

- Жок кызым, ыйлаганым жок, көзүм ооруп жатат.

- Ыкы, калп айтасың, атам бизди таштап кеттиби?

- Болду, андай дебей жүр, атаң укса капа болот.

- Ошентип Аида айткан болчу, - Дулдуя жер карады.

- Калп айтат, ме муну алып бал муздак алып же, атаң акча берип кетти, эртең Арууке болуп дордойго барабыз макулбу? - деп кызын эки бетинен өөп колуна акча карматты, - Нуриске дагы берип кой.

- Макул, - деп Тазагүл секирип-секирип коюп жүгүрүп кетип баратты: "Атанын тилеги асмандай кенен, эненин тилеги деңиздей терең", - демекчи Айзаданын жүрөгү балдары үчүн сыйрылып турду, аларга атаңар бизден кетти деп айтууга оозу бармак эмес. Анын үстүнө Мелисинин мүнөзү өтө оор, эгерде билсе атасына катуу айтышы мүмкүн. Тазагүл ойноп кеткенден кийин үйгө кирип тамак ашын даярдоого киришти, ойлонуп да жатты, анан башына бир ой келди, дароо кийимдерин чачып ичинен өзүнө жаккан кийимдерин бөлүп алды да даярдап коюп отуруп алып ойлонуп калды. Эртеси Мелис бир жакка кетти, негедир капалуудай көрүндү. Нурис менен Аруукеге Тазагүлдү тапшырды да кийинип алып үйүнөн чыкты, такси менен барып Алмаздын ишканасынын маңдайына токтотту, түш чен болчу, көп күттүрбөй эле Алмаз чыгып машинасына отуруп жөнөгөндө Айзада таксистке кайрылды.

- Бул машинанын артынан түшүңүз.

- Жарайт карындашым, - Ылдамдай айдап баратканда Алмаз чоң көчөдөн Ак үй көрүнгөн жерге токтоду.

- Токтоңуз, - Айзада шашып калды.

- Жарайт, - деди таксист, Алмаз машинадан түшпөдү, бир кезде узун бойлуу, кыска аппак көйнөк кийип, чачын далысына жайып койгон сулуу кыз бийик такасын тыкылдата жолдон өтүп келе жатканда Алмаз түшө калып өөп анан машинанын салонун ачып кызды отургузуп эшигин жапты да өзү рулга отуруп айдап жөнөдү. Айзада анын артынан айдатып кафеге келгенде токтоп колтукташа кирип кетти.

- Тигиндей токтоңуз, мени менен кафеге киресиз.

- Карындашым, мен иштешим керек.

- Бир күндүк тапканыңызды төлөп берем, - деди да көз айнекти тагынып таксистти колтуктап Алмаздар кирген кафеге кирип босогодон кыдырата карап аларды көрүп алар отурган үстөлдүн жанындагыга келип отурушту. Айзада Алмазга далысын салып отуруп сөзүн укмак болду, ал эч нерседен капарсыз, Алтынай ага моймолжуй карады.

- Алмаз, сен качан бүтүрөсүң?

- Күтө турчу алтыным, акыры бирге болобуз, шашканда эмне, мен жаныңдамын го?

- Мен мындан артык күтө албайм, болбосо менден алгандарыңдын баарын кайтар, ишканаңды жаптырам! - деди Алтынай ачуусу келе.

- Чыдай турсаң Алтышка, мен ыңгайын келтире албай жатам, балдар чоңойгон, мени түшүнсөң.

- Сен мени сүйбөйсүң, жөн гана менден пайдаланганы жүрүпсүң, - деп Алтынай айтканда Айзада чыдабай кетип туруп босогого келди да артын бир кылчая карап коюп чыгып кетти, таксистке сураган акысын берип үйүнө жетип алып дагы ыйлады: "Демек кантип байып жатат десе себеби бар тура, бизди дагы кыялбайт, анысын да кыялбай канчага жүрөт бул", - деп ойлонуп башы катты.

Алмаз келбей кечигип жатты, Мелис бир күнү апасына чай ичип отуруп:

- Апа, атам неге көрүнбөйт, эрте кетип кеч келип жатабы? - деди.

- Ооба, ошондой иштери бар экен.

- Мен атам экөөңөргө бир нерсе айтайын дедим эле.

- Айта бер балам, эмне сөз?

- Апа мен үйлөнөйүн деп жатам.

- Качан? - Айзада чоочуп кетти.

- Болбойбу апа?

- Мм, болот, эмнеге болбосун, атаң келсе кеңешели балам.

- Сиз сүйлөшүңүзчү апа, атам каршы болбойбу?

- Каршы болгудай эмне, кайра кубанбайбы балам, сенин бой жетип башыбызга баш кошулаарын ойлосок кандай гана кубанбайбыз, - Айзада уулун бооруна кысып чекесинен өптү, - Садагам менин, кызың кайдан уулум?

- Кеминдик болот, шаарда жашашат.

- Келиним кандай, жакшы кызбы уулум? - Айзада уулун мээрим төгө карады.

- Аябай жакшы, көрөсүз го сиздерге жагат апа.

- Болуптур, мен атаң менен сүйлөшөйүн ээ?

- Макул апа, тездетиш керек.

- Неге балам, шашкан шайтандын иши дейт, жай жарагы менен, кыш коногу менен дегендей күркүрөгөн күз келет, тоюмчулук болот, ошондо келинди киргизгенге болот, - деди Айзада ойлуу.

- Апа, күзгө чейин күткөнгө болбойт! - деди Мелис башын жерге салып, - Ага чейин дагы эки ай бар да...

- Эки ай деген эми эле өтүп кетет уулум, анчалык шашпа, кызыңа түшүндүрүп айт, ал деле түшүнөт да, - Айзада баласын эңкейип көзүнө тигилди, - Түшүндүрүп айт макулбу?

- Болбойт! - Мелис туруп терс бурулду, - Тездетиш керек апа!

- Эмнеге балам? - Айзада Мелисти таңгала карап: "Бир балээси бар го, болбосо мынчалык болбойт эле, эмне болуп кетти экен, балам жаңылып калган го, кыз азгырды бекен, андай болсо эмне кереги бар, өзүбүз тапкан кызды алып беребиз", - Ойлонду да, - Айтчы балам, ал кыз тарбиялуу кызбы? - деди.

- Эмнеге антип сурадыңыз апа, ал абдан жакшы кыз, тартиптүү кыз, мен тартипсизмин апа, мен жаманмын, азыр анын боюнда бар!

- Эмне дейт?! - Айзада оозун колу менен басып туруп калды.

- Ооба апа, мен тартипсиздик кылдым, эгерде ата-энеси билсе Маринаны өлтүрөт, мен дагы жашабайм! - деп Мелис үйдөн арышын чоң-чоң таштап чыгып кетти.

- Мелис! Мелис токто! - Айзада артынан чыгып таппай калды, ары басып бери басып чебелектеп таппай үйгө кайра кирип кийинип чыкты да шашылып Алмазга жолугууга жөнөдү, ал келгенде Алмаз телефон менен сүйлөшүп отурган экен, каалганы кыңайта ачып токтоп калды:

- Болуптур жаным, баары сен айткандай болот, ооба-ооба бүгүн баарын ачык айтам, капаланбачы эми, мен сени сүйөм, ишен мага Алтышка, ооба мен дагы сени өбөм! - деп трубканы коюп башын кашылай оор дем алып алды да эшиктен кирип келе жаткан Айзаданы көрө койду, - Кел Айзада, - деп шашып калды Алмаз.

- Келдим, эмне кылып жатасың?

- Иш Айзада иш, эмне болду?

- Сүйлөшө турган сөз бар.

- Кандай сөз?

- Мелис үйлөнөм дейт, - деди Айзада эмне дээр экен деген ойдо тигиле карап.

- Кызык, али жаш го?

- Алмаз, Мелис жыйырмага карады, кандай жаш болот?

- Мм, ошондо качан?

- Мүмкүн болушунча тезирээк үйлөнтүүбүз керек, - Айзада болгонун айтып берди, - Ошондой, биз макул болбосок иш башкача болуп кетиши мүмкүн, бала экөөбүздүкү, мен жалгыз чече албайм, - деди Айзада.

- Аның туура дечи, бирок...

- Эмне бирок, же алтышкаң уруксат бербейби? - Айзада тикирээ карады, - Андай болсо мен балдарга ачык айтам дагы сен каалаган азаттыкты берем!

- Айзада сен эмне деп жатасың?

- Мен туура чечимимди айттым, сен айта албаганды мен айттым, ойлон да жообуңду айт, - деп Айзада өйдө болду эле Алмаз дагы тура калды:

- Айзада.

- Эмне, мен сени менен урушканы келген эмесмин, кеңешейин дегемин, бул жерден айтышканда болбойт, мен баарын билем, сен андан баш тарта албайсың, мен аны билем, бирок ишкананы Мелиске өткөрүп берип, үйлөнткөн соң эч каршылыксыз арызыңа кол коюп берем! - деп чыгып кетти.

- Айзада! - деген бойдон Алмаз шалдая туруп калды, анын ансыз дагы башы катып жүргөн: "Бул кайдан билип алды, кимден укту, же Алтынай жолуктубу, ал ишкананы бермек турсун кеңейтели деп жатпайбы", - деп ойлонуп отуруп калды. Айзада үйүнө келип тамак-аш даярдап алып Мелистин ички үйдө уктап жатканын көрүп:

- Мелис, турчу экөөбүз сүйлөшөлү, - деди.

- Эмнени сүйлөшөт элеңиз?

- Маринаны үйгө ээрчитип кел көрүп таанышалы.

- Апа, ал уялып жатпайбы?

- Уялбайт, азыр бар дагы ээрчитип кел, - деди буйрук бере.

- Макул апа, - деп Мелис кубана тура калды.

- Кардыңды тойгуз, Нурис менен Тазагүлдү чакырып кел, мен сен барып келгенче даярдык көрө берейин.

- Макул, - Мелис эшикке чыгып кетти, Арууке кир жууп жаткан, чогуу отуруп түшкү чайды ичип жатышканда Алмаз келип калды, кайсактап балдарына карай албай отурганда Тазагүл атасына жабышты:

- Ата, мен сени сагындым, эмнеге келбей жүрдүң?

- Иш көп кызым.

- Кечиндеси дагы иштейсиңби ата?

- Ий-и...

- Бүгүн барбай эле койчу.

- Ооба, барбайм кызым.

- Тати, бар ойногула, тамагыңарды ичип бүттүңөрбү? - деп берки балдарына кайрылды.

- Ооба, - дешип туруп-туруп кетишти.

- Сүйлө, - деди Айзада Алмаздын маңдайына отуруп.

- Эмнени?

- Аңкоо болбо, Алтынайың баарын сага бериптир, көрсө ага сен керек экенсиң, бизден чоочуба, андан корксоң болот, сен бир өзүңдү ойлобой ишкананы Мелиске ташта, мен өзүмдүн ишимде иштесем дагы жашоо өтөт, балдардын эртеңин ойлон.

- Айзада, мен жаңылдым, эми өзүм эмне кылаарымды билбей жүрөм, силерден кетейин деген оюм жок.

- Баары бир кетишиң керек, мен сага капаланбайм, сенин жалгыздыгыңа кейийм, апам байкуш сени катуу дайындады эле, балдар турат, сага жаман айтпайм, эми Мелистин кызы келет, таанышалы көрүп сүйлөшөлү, андан кийин кете бер! - деди Айзада.

- Айзада, мени кечир!

- Кечиргенде эмне, болоор иш болду, баланы үйлөнткөндө башында бол, мен айтканды аткар, калганын сенден сурабайм, - деп Айзада унчукпай калды, бир сааттай өтүп кетти, Алмаздын тынчы кетип баштаганда Мелис кирди, анын артынан бою узун, көздөрү бакырайган, жүзү кубакай, сулуу кыз жер карай кирип келе жатканда Алмаз менен Айзада тура калды:

- Кел, келе гой кызым, тартынбай келип отур, - деди Айзада шыпылдай.

- Саламатсыздарбы? - деди кыз кирпигин кыбырата.

- Саламатчылык, - Алмаз өзүн таптакыр башка адамдай өзүн жаман сезип кетти.

- Отура гой кызым.

- Рахмат, - деп Марина орундукка отурду, Мелис анын жанына отурду.

- Чай ич кызым, - деди Айзада, үндөбөй ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрдү, аярлап чай ууртап отурган кыз улам Мелисти уурдана карап коет, - Кызым, ата-энең кайда иштейт?

- Атам министерстводо иштейт, апам мектепте директор.

- Жакшы экен, жериңер кайсы?

- Кичи Кемин, шаарда турганыбызга көп жыл болуптур.

- Канча бир туугансыңар?

- Беш, ортончусумун.

- Жакшы кызым, эми бизди Мелистен уккандырсың, биз кеңешип үйлөнчү күндү белгилейли, - деди Айзада Алмазга карап, - Туурабы Алмаз?

- Ооба-ооба, өзүбүзчө кеңешүүбүз керек.

- Атаң кайсы министерстводо, аты-жөнү ким?

- Билим берүү министерстводо, Кайдулатов Арыпбек.

- Аа-а, ал кишини тааныйм, мен дагы мугалиммин, завуч болуп эки жыл иштегемин, анан ооруп калып азыр үйдөмүн.

- Эмесе биз макулбуз кызым, ата-энеңдин алдына барып колуңду сурайбыз, - деди Алмаз.

- Ата, Марина кеткиси келип жатат, мен жеткирип коеюн, - деп Мелис ата-энесин карады.

- Макул балам, жеткирип кой.

- Жакшы калыңыздар, - деди Марина кетип жатып, Айзада менен Алмаз баш ийкеп узата карап калышты, ээрчишкен эки жаш чыгып кетишти.

- Кандай дейсиң? - деди Айзада күйөөсүнө, - Менимче Мелис жакшы кыз тааптыр, куда күтсөк болобу?

- Болот, бирок бизди тоготоор бекен?

- Неге тоготпойт экен, кызы балабызды сүйүп турса каршы болуп көрсүн, узартканда болбойт, бечара кызды уят кылбай тездетели, сен эмне дейсиң? - Айзада сынай карап калды, - Сен колумдан келбейт десең өзүм аракет кыла баштайын.

- Канча кетет?

- Аяк-биягы жүз элүү миң кетет, союштар го бар, той өткөргөнгө го кийин киришебиз, ачуу басары менен кууп келгендерди ыраазы кылабыз, эгерде Алтышкаң каршы болсо бизге акчаны алып кел дагы өзүң анын жанында боло бер, - деди Айзада күйөөсүн кекеткендей.

- Койчу Айзада, өз баламдын үйлөнүү тоюнда неге болбойм, аны токтото турам го, - деп Алмаз кызаңдап ордунан турду.

- Сени балдарды эбак кечип койгон деп ойлогомун...

- Андай эмес, андан оңой кутула албай турган болдум, ал аялдан башкача экен.

- Сулуулугун айтасыңбы, же сени жипсиз байлап алган амалдуулугун айтасыңбы?

- Койчу эми Айзада, мен кеттим, эртең ушул маалда акчаны алып келем, калганын өзүң даярдай бер, келин келээр күнү өзүм келип калам, жарайбы?

- Жарайт, туугандарды, төркүндөрүмдү кийинки жума күнкүгө чакырып коем, ата-энесине барабыз, келесиң да?

- Ооба, - деди да Алмаз чыгып кетти, Айзада күйөөсү чыгып кетээри менен жан дүйнөсү аңгырап ээн калган үйдөй өзүн жалгыз сезип кетти, кантсе дагы жыйырма жылдап бирге жашаган күйөөсү өзүнөн жатыркап алыстай баштаганына ичи түтөп жалынсыз күйүп турду, анан кантмек, уруш-талаш менен эчтеке бүтпөсүн сезет, күйөөсүн аяйт, амалдуу аялдын кылтагына илинип алганына: "Андан көрө балдарымдын өмүрүн, бактысын тилейин, Алмаздын жалгыздыгын аяйм, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болоор балдарынан жат болуп жек көрүнүп калбаса экен, мен билгизбегенге аракет кылам, бирок баары бир билишет, анда эмне болот", - деп сары санаа болуп ошол эле күнү өзүнүн апасына барып келин алаарын айтты, анан Алмаздын туугандарына айттырды, баарын бир күнгө чакырып коюп өзү камынып жатты. Белгиленген күнү келишип Кайдулатовдын үйүнө үч машина менен барышты эле ал кабыл албай сыртта көпкө туруп калышты. Бир сааттай убакыт өткөндө дарбазасы ачылып аларды ичкери киргизди, Алмаз келген эмес, аларды заңгыраган эки кабат үйдүн үстүнкүсүндөгү чоң залга киргизди. Көрсө Марина аларга ыйлап өзүн өлтүрөөрүн айтып туруп алганда араң макул болгон экен. Мелистин кубанычы койнуна сыйбай толкунданып отурду, акыры кызга салты менен сырга салып үлпөт той күнүн белгилеп, сый көрүп анан кетишти. Бул убакта Алмаз менен Алтынай өздөрүнчө кыжы-кужу болуп жатышкан эле.

- Демек сен балаңа ишкананы бермексиң? - деди Алтынай.

- Сен мени түшүнчү Алтынай, мен аларды түбөлүк таштап сага келгени жатам го, алардын жашоосуна кам көрүшүм керек, сен аялсың го, түшүнүшүң керек.

- Жок-жо-ок Алмаз, сен мени шылдыңдап жатасың, билесиңби мен күйөөнү керек болсо сатып алам, азыр менин артымдан канча эркек жалдырап жүргөнүн билсең, - Алтынай каткырып алды, - Мен деген чиновниктер көз артып чимирилип турат, а мен сени өзүм сүйүп ошол сүйүүм үчүн баарын бердим, а сен үй-бүлөөңө калтыргың келет, - деп Алмаздын маңдайына келип эки колу менен бөйрөгүн таянып көзүнө тиктеди, - Айтчы, сен мени сүйөсүңбү же жөн гана акчам үчүн жүрөсүңбү?

- Алтышка, мен сени сүйөм дедим го?

- Жалган, сен балдарыңды, аялыңды сүйөсүң!

- Алтынай, анда мындай сүйлөшөлү, - деди Алмаз кабак бүркөй.

- Кандай, кандайча сүйлөшөлү? - Кекээрлей карады Алтынай.

- Сенден алган акчаларды кайтарайын, бирок сенден карыз сураган эмес элем, эгерде менин сүйүүмө ишенбесең эки бөлүнөлү.

- Алмаз, сен ушуну чын ниетиң менен айттыңбы?

- Ооба, экөөбүзгө тең жакшы болот...

- Жок-жок, анда мен кантем, сенсиз мен жашай албайм!

- Эгерде сүйүүбүздү барктай албасак. Акча менен бааласак анда сүйүүнүн эмне кереги бар? - деди Алмаз, - Мен сен деп үй-бүлөөмдү таштаганы турам, сенин айтканыңдын баарына көндүм, башка дагы эмне кылышым керек Алтынай?

- Алмаз, мени кечир, жогору жакта иштегендердин баары байлык деген менен ооруган адамдар, эл менен, адамдардын жабыр тартканы менен иштери дагы жок, байлык болсо баары болот дешет, алар менен иштешкенге менин дагы жан дүйнөмдүн баардыгы байлыкка берилип калган, ошондуктан мен сүйүүнү дагы акчага сатып алып, кайра кетирген акчам өзүмдө калса экен деп ойлоптурмун, менин көзүмдү ачтың Алмаз, - Алтынай ыйлап турду, жүзүн ары буруп кетти, - Эми мен сени өз үй-бүлөөңө кайтарамын, сенин тилегиң таза, жан дүйнөң жумшак жакшы адамсың, сезип турам, сен мени сүйбөйсүң, капыстан кабылып алып жаман айта албай, көңүлүмдү калтыра албай ушул убакка чейин келдиң, ыраазымын сага, бактылуу бол! - деди да шарт сумкасын алып бөлмөдөн чыгып кетти, Алмаз ордунда азга туруп терең дем алып алды да бөлмөнү кулпулап тез-тез басып үйүнө барууга ашыга жөнөдү. Ал келгенде Айзада абысындары жана эжелери менен отурган, анткени жаңы гана келинге сөйкө салып кайтышкан эле.

- Жездем келинге дагы барбай кандай жумуш менен жүрөт? - деп агасынын кызы Алмазды көрүп күлүп калды.

- Жездең жакында депутаттык койгону жүрөт, - деп анын киргенин байкабай Айзада жылмая жооп берди, - Азыр акчасы көп болсо эле саясатчы болуп, депутаттыкка же президенттике жутунуп калбадыбы, жездең дагы байыган.

- Ооба десең, жеткиче жер жүзүн гүлдөтүп элимди айга кондуруп күндү колуна алып берем дешет да, мандатка ээ болгон соң эчтеке бүтүрбөй эле, өздүк машинам болсун, жашаганга үйүм болсун деп өкмөттөн талап кылып айлыктын эң жогоркусун алышат да берген убадасын уй жеп калбадыбы, анан кантип жанталашпасын? - деди Бүбайра деген жеңеси.

- Жездем деле адам да, бир берилген жашоодо пайдаланып калсын, жутунуп кызматка жеткендердин балдарынын баары чет өлкөдөн окушат, аталары бияктан жөнөткөн акчага чардап жүрүшөт, силер дагы ошенткиле, биз колдоп жүгүрүп беребиз, - деди дагы бир сиңдиси, Айзада аларга карай коюп Алмазды көрдү:

- Келдиңби?

- Келдим, - деди Алмаз, экөө туюк гана бири-бирин көздөрү аркылуу түшүнүштү, Алмаздын көздөрүндө кубаныч турган, өз күнөөсүн сезгендей кайсарлык менен отургандарга карады, - Келиңиздер!

- Келдик, өзүң жоксуң, - деди кайненеси.

- Жумуштарым чыгып калды, эми баары бүттү, - деп жер караганда Айзада: "Демек бүтүрүп келген экен, ал аял муну кантип кое берди, мейли жок дегенде Мелис үйлөнгөндө элдин көзүнчө жанымда болсун, уул-келинибизге ак батабызды бирге берсек жакшы эмеспи", - деп купуя ойлонуп алды. Бири-бирин купуя түшүнгөн жубайлар өткөн ызаларын ичке катып балдарынын бактысы үчүн баарын унутууга аракеттенип конокторун жакшы тосуп сыйлап жатышты. Мелис менен Марина бири-бирин сүйгөндүктөн ата-энелеринин макулдашканына кубанып жолугушуп турушту:

- Марина, атаң кантип макул болду? - деп сурады Мелис.

- Силерди киргизбей кетсин дегенде мен ашканага жүгүрүп кирдим да аш бычакты колума алдым, эгерде мени Мелиске бербей турган болсоңор өзүмдү-өзүм өлтүрөм дедим.

- Анан эмне болду?

- Апам ыйлап жалынды, атамды чакырды, мен бычакты жүрөк тушума мээлеп, мен керекминби же досуңдун баласы керекпи, мен ага барганча өлгөнүм артык, - деп бычакты урмак болгондо агам келип кармап калды.

- Сенден коркуш керек экен, - деп күлдү Мелис.

- Ошентип мен атамды жеңдим.

- Алтыным десе, апамдар сенин үйгө келишиңди күтүп жатышат, - деп Мелис кызды имере кучактады...

Ошентип Мелис менен Маринанын тоюу Бишкектеги эң жакшы деген ресторандан өтүп жатты, ал тойдо Аскар менен Мээрим, Гүлшан менен Алтынбек дагы болду, анткени бул жолу Алтынбек сакал-муруту жок досу Алмаздын чакырыгы менен келген, Гүлшан уул-келини менен келди. Урмат Америкага кеткен, Алтынбек ал кетээри менен эле көңүлү жайлана үйдөн кетип сакал-мурутун алдырып, чыкыя кийинип баягыдай катты дагы Күлчоронун машинасына салып койду, бул жолу ал: "Уулум, үйлөнүү тоюң менен куттуктайм! Жаныңда болуп келиним экөөңөргө аталык ак батамды бере албаганыма өкүнөм. Сен мени балким жек көрөөрсүң, бирок сенин денеңдеги тамчы кан менин канымдын бөлүкчөсү экениңди унутпа! Бизди катаал тагдыр бөлүп койбогондо апаң экөөбүз бактылуу өмүр сүрмөкпүз. Мейли өкүнгөндө эмне, болоор иш болуп боесу канды, тагдыр бизден ала турганын алды... Мен сенин бактылуу болушуңду каалап, кээде болсо дагы алыстан бир көрүп алганыма ыраазымын. Аман бол уулум, бактылуу бол", сени жанындай көргөн бейтааныш атаң 2004-жыл", - деп койгон. Муну окуган Күлчоро апасы сыртта жүргөндө аялына угузбай:

- Апа, менин атамдын камалып кеткени чынбы? - деди.

- Ким айтты? - Гүлшан уулун чоочуй карады.

- Бул кол жазманы тааныйсызбы?

- Кана? - Гүлшан колдору калтырай катты окуп жатып көзүнүн жашы төгүлүп турду.

- Апа дейм, ушул чынбы?

- Уулум, эмне деп айтаарымды билбейм...

- Эмнеге, эмнеге ушундай?

- Айла жок уулум, - деп Гүлшан жер карады.

- Мен өз атамды көрүшүм керек апа.

- Кайдан, кайда экенин ким билет?

- Сиз билбейсизби?

- Жок балам, - деп Гүлшан үйгө кирип кетти: "Демек чыдай алган эмес экен, Күлчоро эстүү, Урматка эчтеке деп айтпас, билсе билсин өз атасын", - деп ордуна жатып алып көпкө ыйлады, көрсө ал дагы эле Алтынбекти сүйөт экен, Урматты жөн гана сыйлаарын сезип турду. Ошондон кийин Гүлшан үйдө жалгыз отурса дарбаза такылдап калды, чыга калып ача койсо бет алдында кадимки Алтынбек турат:

- Гүлшан кандайсың?

- Жакшы, бул сенсиңби Алтын?

- Ооба, сенин кеңпейилдигиңе чексиз ыраазымын, уулум үйлөнгөндө мага уулуңдун тоюнан ооз тий дегениң чексиз бакытка бөлөдү, кыскасы мен өз максатыма жеттим, эми адамча жашоого болот, - деди Алтынбек жылмая.

- Канча жылдар өтсө да өзгөрбөпсүң.

- Сен дагы, кирсеңчи сыртта турбай.

- Болбойт го?

- Кирип чыны чай ичип чык, - деп Гүлшан аны ичкериге киргизди, экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Ошондон кийин кез-кез жолуга коюп жүрүшкөн, Алтынбек Алмазга барып аны менен иштешип калган. Бүгүнкү тойдо бака-шака болуп эки жашка бата берип, каалоо айтып жатышкан, Аскар менен Мээрим келиндин төркүндөрү тараптан сүйлөп белектерин беришти, ошол убакта Аскар Гүлшан менен Алтынбекти көрүп таңгалып койду, бирок өткөндү унутууга тырышты.

Урмат Америкадан бут салдырып үч айдан кийин келди, кубанычтуу, коляскада отурганга караганда кирип-чыгып бир таяк менен ишин дагы улантууга киришти, бактылуу үй-бүлөөдө ошентип бир гана адам билбеген сыр ачылбай кала берди.

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз