Айгүл ШАРШЕН


"Мен сүйгөн асыл жан"


Бул окуя кечээ эле болуп өткөн, анткени менин алты-жети жашымда болуп өткөн экен. Анда мен ойноо, эчтекени түшүнө элек баламын, эч нерсе эсиимде да жок, кийин чоң энемдин колунда чоңоюп ал карыган кезде айткан сөздөрү эсимде калды, - деп Бекмурат сөзүн баштады…

Гүлүйпа беш бир туугандын ортончусу, ага кудай өң-түстү аябаптыр, бир гана айыбы сүйлөй алчу эмес экен, чачы бою менен тең бою узун, керилген кызды көргөндө кандай эркек болсо дагы бир селт этип жүрөгү зырп этип алчу экен. Анан аны ААалыбай бир көрүп сүйүп калыптыр, адегенде кыз андан жашынып, качып такыр көрүнбөйт. Аны күндө акмалаган ААалыбай дагы ошол үйдү айланчыктап жүрсө Кутман деген отуздардагы киши көрүп калып:

- Ээй Аалыбай, биякта эмне кылып жүрөсүң? - дейт аны тааныгандыктан.

- Аа-а байке жөн эле өтүп бараткамын, - деп чыга калат.

- Билдим-билдим, жашырбай эле кой, Сырдыбайдын тантык кызына ашык болуп калгансың го? - деди каткырып.

- Эмне дейсиз, ким тантык? - Аалыбай Кутманды элейе карап калды.

- Аны көргөндүн баары эстен танат көргөндө, сүйлөгөнүн көргөндө боктон качкандай качат.

- Чын элеби? - Ишенбей карап калды Аалыбай.

- Калп айтып эмне кылам, сүйлөшүп көр, - деп коюп атын темине бастырып кетти, ал күнү, анын эртеси да кыз көрүнбөдү. Аалыбай кызды бир көрүп сүйлөшкөнгө ынтызар болуп убакыт өтө берди, түн уйкусунан кетип, күнү тынчын алган сулуу кыз түшүнө дагы кирчү болду. Сырдыбай колунда жок, үрүп чыгаар ити жок адам, эки уул, бир кызы үйлөнүп жайланып калган, кичүүлөрү дагы турмушта, бир гана Гүлүйпа үйүндө. Ага деле жуучулар келчү, аялы өлгөндөр, же балалуу боло албай жүргөн жашы өткөндөр болоор эле. Ага атасы берчү эмес, анткени кызын кор кылып коет деп аячу тура. Акыры Аалыбай аны аңдып жүрүп бир күнү кармап алды.

- Чоң кыз, менден эмнеге качасың? - десе кыз ийинин куушура жооп бербеди, көздөрү капкара болуп жүзүнүн актыгы ак куунун канатындай үлпүлдөгөн кызды көрүп ого бетер жүрөгү лакылдап чыккан Аалыбай аны сүйлөткөнгө аракет кылды, - Чоң кыз, жок дегенде атыңды айтып койчу, - десе башын чайкайт. Ошол кезде апасынын үнүн угуп кызды кое берип качып кетет. Акыры Аалыбай сүйүүсүнө жетүү үчүн ата-энесине айтпай ала качып келет. Ата-энеси аны урушуп, тилдешет, ага болбой жашап калат, Гүлүйпанын апасы келип:

- Балам, кызымдын кемчилигин айтып кемсинтким келбейт, бирок түбөлүк жашап кете аласыңбы, элдин тили жаман болчу эле, кызымдын келечеги атасы экөөбүздү кабатыр кылат, - деди муңая Селки.

- Апа, мен Гүлүйпаны өмүрүм өткөнчө жер каратпайм, капа кылбайм, айткан эл айта берсин, - деди Аалыбай.

- Балам, - деди өзүнүн апасы Шааркан, - Бу киши туура айтат, адамдын душманы адам, анча-мынчага чыдасаң биз дагы каршы эмеспиз.

- Апа, мен Гүлүйпаны кор кылбайм.

- Мейли балам, өзүң бил, - деди Шааркан, ошентип алар үйлөнүшөт, Гүлүйпа үй оокатка тың, абдан таза келин болду, сүйлөбөйт, Аалыбайды көргөндө көздөрүн жалжылдатып гана күлүп койчу экен. Ата-энесин ыраазы кылып калың берип сеп алышат, бирок Аалыбай ого бетер ага берилип көзүнүн агы менен тең айланат. Гүлүйпанын боюна болуп жыл маалына жеткенде уул төрөп атын Бекмурат коюшат. Аалыбай уулун жакшы көрөт, Гүлүйпа экөө эркелетип уулун чоңойтушуп Бекмурат алты жашка чыкканда Аалыбай бир аз күн башым деп жатып эле көз жумуп кете берет, ошондогу Гүлүйпанын боздогонун айтпа, күнү-түнү боздоп үнүн баспайт, баласын кучактап алып суу да ичпей ыйлаган экен, кийин өйдө боло албай ооруп калып Аалыбайдын кырк ашына союш союп жатканда үзүлүп кете бериптир…

Алты жашар Бекмурат атасынын өлгөнүн түшүнбөсө дагы анын көзүнө көрүнбөй калганынан улам өлүм деген жаман нерсе экенин түшүнүп апасы өлдү дегенде чырылдап катуу ыйлап элди кошо ыйлаткан экен. Шааркан небересин абдан жакшы көрөт, эркелетип эмне десе аткарып мектепке барганча өтө эрке болуп калды. Мектепти бүтүп жатканда чоң атасы Үмөтбек каза болуп бир үйдө чоң энеси экөө эле кала берди. Ошондуктан окууга бара алган жок, совхозго трактористтин жардамчысы болуп иштеп жүрүп Асылай деген кызды жактырып калып күндө анын үйүнө барып ышкырып чакырып алат, Асылай онунчу калсста окуйт. Бой келбети келишкен кыз, короосу тосулбаган үйдүн арткы терезесине келди бир күнү, кеч күз болчу. Булбулча сайрап жатканда эки жакка ачылчу рамканы ача коюп:

- Болду, атамдар сыртта жүрөт, - деди Асылай.

- Чыгасыңбы?

- Жок, атамдар билип коет.

- Билбейт, бат эле киресиң.

- Апам өлтүрөт.

- Көрүнбөйбүз коркпочу.

- Сүйлөбө, апам келе жатат, - Асылай терезесин жаап алды, ошол убакта сырттан кирген Гүлпариге күйөөсү Саматбек:

- Кемпир, бу кыш түшөөрдө кайдагы булбул, жаны тынбай терезенин артынан сайрап жатат да, - деди.

- Ким билет?

- Булбулдун тилинин катканы качан?

- Мен кайдан билем? - деп Гүлпари күйөөсүн жактыра бербей карады, - Капырай бирдеме болсо эле менден сурайсың да?


- Кызың бой жетип калганбы дейм, Канышай чоңойгондо кышында торгой сайрачу эле, - деп Саматбек күлүп.

- Ушу сенин тамашакөйлүгүң өттү да, кыздарды эле тергеп каласың, эли-жери башка болгон соң кыздардын ордун тапканы жакшы эмеспи, ушундайың жаман.

- Мейли кемпир, бактылуу эле болсун, чектен чыгып элге кеп кылбагыдай болсун, Асылайга айтып кой, менин кыздарга жаман сөзүм тийбесин, - деп унчукпай калды, буларды уккан Асылай демин басып отуруп калды. Саматбек негизи эле балдарын катуу кармачу, кыздарга жаман айтпай аялы аркылуу гана түшүндүрүп коеор эле. Түн кирип баары жаткан кезде Асылай терезеден чыгып Бекмурат менен сүйлөшүп отурду, сүйөм деп айтуу кайда, кыздын демин тыңшап көпкө отурду.

- Асылай, - деди Бекмурат көптөн кийин:

- Ийи.

- Сени окууга кетет дебеди беле?

- Барбай калдым.

- Эмнеге?

- Он биринчи калсстын аттестаты менен барышым керек экен, мен мединститутка тапшырмакмын.

- Аа-а.

- Сен окууга барбадыңбы?

- Чоң энемди таштай албайм да.

- Чын эле, чоң энең жалгыз калат да.

- Ооба, карыганда кыйналып калат.

- Туура.

- Чоң атам өлбөгөндө физкультурныйга тапшырмакмын, кийин окуйм да.

- Чоң энең үйлөн десечи?

- Антпейт, үйлөнгөнгө эрте да.

- Деги айтам да, - Кыз бырс этип күлүп калды, - Эгер чын эле үйлөн десе эмне кыласың?

- Билбейм.

- Өзү таап берсечи?

- Кимди?

- Кайдан билем.

- Жок-жок Асылай, мен эч кимге үйлөнбөйм.

- Эмне үчүн?

- Мен бир кызды сүйөм.

- Кимди?

- Бирөөнү, - Ошол убакта үйдүн каалгасынын ачылганы тарс этип угулганда Асылай тура калып терезеге жабышып кире качты да:

- Жакшы бар, болду көрүп калбасын, - деп шыбырай терезени секин жаап алды, Бекмурат шылкыя үйүнө жөнөдү. Үйүнө келсе Шааркан эне уктабай күтүп отуруптур.

- Кайда жүрөсүң ыя какмар? - деде ачуулуу.

- Келдим го апа, - деди Бекмурат ачуулуу.

- Ок какмар десе, экинчи кечикпей жүр, каранган карманганым сен болсоң, катыгымды бербей күн батканда жанымда бол!

- Макул апа, - деди Бекмурат күңк эте, - Уктай бербейт белең апа, - Бекмурат чоң энесин кичинесинен эле апа дечү.

- Уктай бербейсиңби дейт тура, тамагыңды ич да жат, мени карыган кезде кыйнабай.

- Мен кыйнап жатамбы, өзүң эле…

- Аа-а каралдым ай, - Шааркан эне шуу эте үшкүрүп алды, - Баласың да-а, атаң дагы сендей эле…

- Кандай эле апа? - Бекмурат кызыга түштү.

- Атаң башкача эле, садагам десең, - Эне уулун эстеп мулуңдай күлүмсүрөп калды, - Өрттөй күйүп турганда жалп деди го, - Кайра заматта кабагы бүркөлө шуу үшкүрүп, - Бир кыз деп өмүрүн курмандыкка чалды.

- Ал ким эле апа?

- Ким болсун, сенин апаң да, ал байкуш деле кудай жараткан бир пенде эле, атаң аны менен сүйлөшө албай бук болчу, кээде карасам телмири-ип маңдайында отурганы-отурган, сүйлөгөнүн түшүнбөй кыйналганда ичинен сызып, аны аяп ойлонуп жүрүп эле өлүп калбадыбы курган балам.

- Атам апамды катуу сүйгөн экен да анда?

- Сүйүүсү сүмүрөн калсын, ошо сүйүү деп жүрүп сүрсүп калды, жаштайында жайрады отуз бешинде жер жыттады го садагам, иий бир баладай бала болсочу, күйүп турган кези эле да.

- Апа, - деп Бекмурат чоң энесине кулжуңдай карады, - Мен бир кызды сүйүп калдым.

- Ок, эмне дейт? - Эне небересин ормое карады.

- Сүйсөм болбойбу?

- Сүйбөй эле кой, өзүм алып берем.

- Болбойт апа, мен өзүм каалаганды алам.

- Сенин таенең келбей да калды, сени көрүп бир кабар алганга жарабайт, мага караганда жаш, илгери тердик төшөнүп эле отурчу эле балдары тың болуп оңолуп калышыптыр, Шааркан эне жактырбагандай түр көрсөтүп, - Баягы Селки жок тим эле үлпүлдөйт ботом, сүйлөгөндөн оозу ооручудай болуп калыптыр, - деп койду.

- Аларды эмне кыласың апа, келбесе койсун.

- Мен картайдым, кокус көзүм өтүп кетсе караан болбойбу тагаларың, мен дагы көңүлүм тынч кетем балам.

- Сен өлбөйсүң апа, менин балдарымды багып, чоңойтуп анан үйлөнтөсүң, - деп Бекмурат эркелей жанына отурду, - Сен өлүп калсаң мен эмне болом?

- Садагаң кетейин калдыраган, күздө сени үйлөнтөйүн, сенин балаңды көрүп колума алсам, аялыңдын жакшы экенин көрүп көөнүм тынса анан зымпыйып кете берсем арманым жок, - деп небересинин чекесинен өөп чачынан сылады, - Өзүм тандап алып берем сага аялды.

- Апа дейм!

- Эмне болду кокуй?

- Мен айттым го, башка кызды албайм деп.

- Анан кимди аласың?

- Саматбектин кызын.

- Кайсы, тиги мал доктур болуп жүрчү Саматбекпи?

- Ии-ий ооба-ооба.

- Та-аң, аны жакшы билбейм, бирок аялы жакшы аял, мен аны билемин, энесин көрүп кызын ал дейт, анын кызы болсо көрүп келем балам, анан айтам, - деп эне уулуна мулуңдай карады.

- Апа, барбай эле кой, ал жаш эми онунчуда окуп жатат, дагы эки жыл бар, - деп Бекмурат шашып калды.

- Опей ботом, сен эки жылга чейин күтүп отурмак белең, мен сени эмки күздө эле үйлөнтөм, - деп Шааркан эне өзүнүн билгисин бергиси жок.

- Апа, мени түшүнчү, мен дагы жыйырмага чыктым го, дагы эки жылда аял алсам туура болот.

- Жо-ок балам, жалгыздан калган жалгыз туяксың, тукумуң өссүн алдыңа кетейин, эртерээк эле аял ал.

- Көрөбүз апа, жатып эс алалы, - Бекмурат чоң энесине көнгүсү келбей сөздү башкага бурду, - Кардым ачты, тамак ичем.

- Иче гой каргам, тоюп алып укта, эртең ишиңе дагы барасыңбы?

- Ооба, барбасам болбойт, жакында өзүмчө трактор бере турган болду.

- Ошент садага, ден-соолугуңду берсин жараткан, өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген, кудайымдын көзү түз болсун, - деп Шааркан эне оңдонуп төшөгүнө жатып калды. Бекмурат ойлонуп отуруп тамак ичип эбак эле апасы салып койгон төшөгүнө култ этип кирип кетти: "Асылайды ойлонуп кеч уктады, эртеси эрте туруп: "Апам али уктап жатса керек, ойготпой эле коеюн", - деп сыртка чыкса эртелеп турган Шааркан эне тиричилигин эбак эле баштаптыр.

- Турдуңбу каргам, эрте турганың жакшы, эрте турсаң кудайдын чачкан ырыскысынан куруу калбайсың, сергек болосуң, тамагың даяр, ичип алып ишиңе бара гой.

- Мен сени тура элек окшойт дегемин.

- Ушул убакка чейин кантип уктамак элем балам, мен ушу жашыма чейин уйкудан чарчабадымбы садагаң, - деп белин түзөй үйгө кирип чакан чүпөрөк дасторконун жайды, тарамыштуу тарбайган колдору чын эл анын кылымдап жашап койгонунан кабар берип ушул кезде Бекмурат чоң энесин аяп кетти: "Байкуш апам ай, мен үчүн не күндөрдү көрбөдү, буга сөзсүз келин керек экен, картайганда казан аяк карматып кыйнап койдум", - деп ойлонуп кыңырыла шам-шум этип алды да жумушка жөнөдү. Шааркан эне уулун жөнөтүп коюп өзү мындайыраак иниси Токтогулдун үйүнө бармак болуп үйүн кулпулай кылдырай басып жөнөдү. Токтогул эжесин көрүп бакылдай тосуп алды:

- Оо ким келе жатат, Каныкейдей болгон эжем келе жаткан го, кел эже кел!

- Келдим садага, карылыгың да курусунчу, же кабар алып өзүңөр барып койбойсуңар, ө-өх куураган бутум, - деп Шааркан эне дөңгөчкө отура кетти.

- Кой эже биерге отурбай үйгө кир.

- Эс алып алайын садагаң кетейин, күйүгүп калбадымбы? - деп демиге отуруп калды.

- Ден-соолуктарыңыз дуруспу эже?

- Ден-соолугуң курусун, эми мага анын кереги эмне, кайра жашамак белем балам, андан көрө Бекмуратымдын камын ойлоюн, - Шааркан эне жоолугун көтөрүп бир кулагын чыгарып койду, - Ошону үйлөнтөйүн дедим эле, жалгыздан калган жалгыз туяктын тукуму көбөйсө деген тилек да, - Токтогулга колун сунду, - Мени өйдө кыл садага, - Умсун үйдө беле?

- Ооба, үйдө эле эже, - Токтогул аны колтуктай үйгө алып кирди.

- Эжем келе жаткан го, кел эже? - деп Умсун тура калып учурашты, - Төргө өт эже.

- Жакшысыңбы айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы?

- Кудайга шүгүр эже, баары жакшы.

- Ошондой эле болсун, - Төргө өтүп отуруп эки жагын карана өзүнчө башын ийкеп алды,- Түзүк балам, оокат-тирилигиңер оңолгон экен, кудай кут кылсын, илгери-и окугандар кызматка туруп билгени оокаттуу, билбегени эптеп жашап калчу эле, эми баарына тең заман болду, кут кылсын ушуну, - деп шыпшынып алды, сексендин кырына чыккан бул карынын жүргөн турганы тың, ичкен-жегени да жакшы эле.

- Ооба эже, эми балдар чоңойду, ар кимиси өзүнчө иштеп жатат, баягы сиз жакшы көргөн Саадат кызың жакшы жерге турмушка чыгып балалуу болуп калды.

- Болсун айланайын, кичүү кызың кайда?

- Ал быйыл окуусун бүтөт эже, он биринчиде окуп жатпайбы? - деди күлүп Токтогул.

- Ошентсин бир жыл калган тура.

- Ооба, буйруса Айзат дагы бой жетти.

- Ошентсин, жаш аялмет да болдуңар, - Шааркан эне саал токтой калып Токтогул менен Умсунду карап, - Эмесе келген жөнүмдү айтайын: "Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт", - "коюндан түшсө кончко", - деген макалдын дегеле жөндүү экенин билесиңер, экөөңөр тең эс-акылдуусуңар, - Токтоло ойлоно түштү: "Каап, болбой коюшса канттим, окутам деп болбой коюшсачы", - деп күдүктөнө түштү, - Мен Айзатты Бекмуратка сурап келдим, - дегенде Токтогул менен Умсун бири-бирин карап калышты, - Ооба, мен карыган кишимин, алжыды дээрсиңер, бирок жалгызымды бала кылып алгыла, жалгызыма өбөк-жөлөк болгула…

- Эже, капырай бир бир тууганбыз го? - Токтогул эмне дээрин билбей карап калды.

- Токтогул, мен дагы көп ойлондум, илгертеден жакшыны жатка чыгарба деген бар, жатындашым болсо дагы кызы жакшы болсо ушуну кылмакмын, анткени таежеге жол бар, сен жакшы кишисиң, Умсун андан бетер мыкты аял, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт деген бар го, мен өмүрүмдө неберемдин эртеңкисинен кабатыр болбой ишенимдүү адамдарга тапшырсам көңүлүм тынч алып калат беле? - деди да: "Отуруп чай-пай ич", - дегендерине болбой кетип калды. Токтогул аялын карады, ал жер тиктеди, унчукпай отуруп калышты. Шааркан үйүнө келип бокчосун чачты, адеми кийиттерин өзүнчө алып иргеп жатып он төрт жыл бою катылып жаткан Аалыбайдын аскерден алып келген альбомуна көзү түштү: "Садагам ай, өзүң жоксуң сүрөтүң али жүрөт, кагазчалык болбогон адам өмүрү… Мен жүрөм минтип саргайып, карааныңды үлбүл болсо дагы бир көрүүгө зар болуп, сен жатасың кара чымды жамынып, билчү дүйнө болсо атаң экөөң жолуктуң бекен", - деп альбомду ачып баратып Аалыбай менен Гүлүйпанын сүрөтүн көзү чалды: "Бечара, мынчалык сулуу болбосоң эмне, балам байкуш сенин гана айыңдан сары оору болуп өлдү, сен деп өмүрү куруду, ичтен сени аяп жүрүп ушул болду го", - деп ойлонуп ал сүрөттү алып койду. Бокчосунда оголе көп адеми буюмдары бар экен: "Кудайга шүгүр, мал-сал бар, баламдын жашоосуна жетет, Үмөтбектин катканын эми чыгарууга болот, заман дагы алке-чалке болуп турат, акча алмашат дейби, буларды жараксыз калтырбай уулумдун жакшылыгына жумшайын", - деп жоолукка оролгон акчасын алып чыкты. Кечинде адатынча Бекмурат дагы кечикти, ата-энесинин сүрөтүн жанына коюп алып күтүп отурду. Түнкү он экиде гана шып этип кирип келди:

- Бери бас! - деди эне уулуна кайраттуу, - Кайда эле жүрөсүң ыя?

- Апа…

- Отур! - деп айбаттуу караганда Бекмурат унчукпай апасынын жанына отурду да сүрөткө көзү түштү.

- Булар ким?

- Атаң менен энең уулум.

- Аябай сулуу экен ээ апам.

- Айтпа, ошол сулуулугуна баламдын өмүрүн сиңирип алып кетпедиби…

- Бири-бирин сүйсө ошол да, мен дагы Асылайды сүйөм апа, - деп Бекмурат чоң энесине эркелей карады, - Коркпо, Асылай сүйлөйт, биздин тагдыр атамдыкындай болбойт.

- Какмар, сен быйыл күздө үйлөнөсүң, мен карыганда казан кармай албай калдым, сен аны сүйөм, муну сүйөм дебей менин айтканымды аласың!

- Апа…

- Болду, мени апам деп сыйласаң ошо, болбосо өзүңдү-өзүң билем деп ачык айт, - деди да түйүнчөктөгү акчаны алдына койду, - Муну сана, менин көзүм жетпейт, өзүмдү жоготуп, эс акылымдан тана электе өз колуңа өткөрүп берейин дагы сени үйлөнткөнгө үлгүрөйүн, эчкинин жашындай жашым калганда бир милдеттен кутулайын.

- Апа, бул кайдагы акча?

- Уурдап алды дейсиңби, Үмөтбектин топтогон акчасы, сен үчүн жыйдык муну, ээси сенсиң, акыл токтотуп жашаганга убакыт жетти балам, - деп эне үшкүрүп койду.

- Апа, акча алмашканда калып калса күйүп кетет да, муну алмаштыруу керек, эмнеге мени иште дедиң, бул акча менен өмүр бою жашаса болчудай го? - Бекмурат чоң энесине таңгала карады.

- Сени оңой оокатка көнүп алса кийин кыйналып калбасын деп ойлодум садага, тиричилик кылуунун жолу көп, бекерчиликке көнүп алган адам куурай башын сындыра албай калат балам, эмгектенсең акыбетин көрөсүң, балдарыңды кор кылбай багасың, - деп Шааркан эне телмире отуруп калды. Бекмурат да үндөбөдү, ал азыр ушул чүкөдөй кемпирди аяп турду, жалгыз баласынан айрылып, анын баласы үчүн бүт өмүрүн сарп кылган адамдын сөзүн кайтарып, үмүтүн кантип жандырат, аргасыз анын сөзүнө көнүүгө өзүн мажбур кылгандан башка айласы жок эле. Шааркандын үргүлөп отурганы же ойлонуп отурганы белгисиз, көздөрү жумулду.

- Апа, жатып уктабайсыңбы? - деди Бекмурат акырын түртүп.

- Уйку кайдан балам, ойлонуп кеткенимди кара, - деп эне күрсүнүп алды да кайра небересин карады, - Аалыкем, садагаң болоюн, бир жолу мага жүгүрүп келиптир, демигип алган, эмне болду балам? - десем күлүп: "Апа, Беку ата деди, ата деп айтпадыбы?", - деп кубанганын көрүп жүрөгүмдүн эзилгенин айтпа, көрсө шордуум сени дагы сүйлөй албай калабы деп чоочуп жүрсө керек, жүзүндөгү кубанганы эмдигиче көз алдымда…

- Апамчы, ал кубанганды билчү беле?

- Билбей анан, ал бечаранын баардык жагы жетиштүү эле, бир гана айыбы тилинен болчу.

- Эмнеге антип калат апа?

- Таң, таятаңдын беш баласынын бирөө эле ошондой, калган балдары балакеттей эле, бу дагы болсо пешенеси го уулум.

- Эгерде апам кадимкидей сүйлөсө экөө тең өлмөк эместир…

- Ким билет, көргөндөр айтаар эле, экөө бири-бирине укмуш жарашып калышат, кудай экөөнү бири-бири үчүн жараткандай деп, же экөөнө көз тийип кеттиби?

- Эл дагы кызык да, эмнеге антип айтышат? - деп Бекмурат ойлонуп отуруп калды, - Жаталы апа.

- Ооба каргам, жатып эс алалы, сен дагы укта, - деп эне сыртка чыкмак болуп өйдө турду. Ошондон баштап Бекмурат көпкө чейин Асылайга барбай калды: "Башкага үйлөнө турган болгондон кийин анын сезими менен ойноп эмне кылам, апамдын айтканын көнүшүм керек, мен деп өмүрлөрүн сарп кылган адамды кыйнаганым болбойт, апам эмне десе ошол болсун", - деп ойлонуп жумушуна барып кечкисин эрте келип тамак жасап, төшөгүн өзү салып берип карыны кастарлап калды. Убакыт аккан суудай аркырап бат эле кыш өтүп жаз келди, кышы менен тракторлорду ремонттоп жазгы талаага чыкты. Ошол жылы совхоз-колхоздор тарап ар ким өз иши менен болуп калды, бытырап мал бөлүнүп, алы жеткени короо-сарайларды менчиктештирип, уй-жылкыларды эсебин таап бөлдүрүп алып жатты, совхоздун мал доктуру Бекмуратты чакырып алып бир жылкы, бир уй, жыйырма кой бөлдүрүп берди. Ал кездеги элдин пикири такыр башкача эле, кийин төлөп калабыз деп көбү албай дагы коюшкан, Шааркан эне дагы элден угуп Бекмуратты айныткысы келди эле болгон жок.

- Апа, ким билет кандай заман болоорун, мен деле иштеп жүрбөдүм беле, акым бар алганга, кийин көрө жатаарбыз.

- Бала-чакаңа дагы өтүп кийин сенин алганыңды балдары төлөйт экен деп жатат го кокуй?

- Болбогон кеп, коркпой эле кой апа, - деп тааныштарына кошуп бактырып, өздөрүнүкүн үйдө багып жатты, акыры жадыраган жаз келип калды, бир күнү Бекмурат эшикте жүрсө кичирээк бала келип кат берип кетти. Ачып окуп көрсө: "Саламатсыңбы Бекмурат? Саламым менен Асылай. Эмнеге келбей калдың, же сүйүүң ошончолук эле тез суудубу, же мен сууткандай жаман нерсе кылдымбы? Бекмурат, оргуштап аккан мөлтүр булактай таза сүйүүмдү жалгыз өзүңө арнап, асмандын мейкининдей кенен мээримимди жалгыз өзүңө чачкым келген. Сагынычым бүркөлүп келип жаай албай буркан-шаркан түшүп жер жүзүн алай-дүлөй кылган боорон сымал жүрөгүмдү тоңдуруп турган кез. Негедир сен менден алыстап кеттиң, же менден ашык бир кызга сүйүүңдү арнап, мага айткан сөздөрүңдү айтып коюп жүрөсүңбү?! Балким менин сүйүүмө ишенген эместирсиң же сен үчүн кыздардын жүрөгүн эритүү оңойбу, а мен сага өзүмө ишенгендей ишенип, жан дүйнөмдүн баарын сага арнап койгомун, сен менин наристе, эң таза жана ыйык сүйүүмсүң! Жообун жаз Бекмурат. 1992-жыл 20-май", - деп жазыптыр. Сыртта жүргөн бушайман болуп көпкө турду да үйгө кирип кат жазды: "Асылай Саламатсыңбы? Мени кечир Асылай, сенин сезимиң менен ойногум келбеди, анткени апам башканы алып берем деп жатат. Сенин сүйүүң жүрөгүмдүн тереңинде сакталат, апамдын сөзүнөн чыга албайм, аны өзүң дагы билесиң, карыган адамды кейиткенче өз сезимимди курмандыкка чалганым абзел, таарынба мага Асылай", - деп жазып караңгыда чыгып барып бир баладан берип ийди.

Антип минтип жай ортосу болгон кезде Шааркан жээнин, Үмөтбектин тууганы Калыбекти аялы менен ээрчитип, бир жылкы он кой, бир уйду айдатып алып Токтогулдун үйүнө барды, аларга бир күн мурун айтып койгон, Айзатка куда түшүп сөйкө салды, ошондо каада салтты кайрадан жандандырып, колунда бары дагы, жогу дагы эптеп салтка ылайыкташтырып өткөрүүгө далалат кылып калган убак. Бул куда түшүү салты ата-бабадан келе жаткан салты калайык калк кызуу кубаттап, улак тартып, жорго салыш, ат чабыш күчөп турган кез. Шааркан эне өз колу менен сөйкө салып Айзаттын ата-энесине ымандай сырын айтып бир айдан кийин алып кетээрин айтып ак баталарын алып кайтты. Бекмуратка Айзат жакпаса дагы, апасынын көңүлү үчүн макул болду, Бул жаңылыкты уккан Асылай ыйлап-ыйлап тим болуп калды. Айзат мурун эле кээ-кээде келип калчу Бекмуратты жактырып жүрчү, кубанычтан жүрөгү дүкүлдөп өзүнчө эле бактылуу, анын курбусу Гүлжамийла келип калды, Умсун шашылып Ошко жөнөп кеткен эле, Айзаттын себин жасаганга даярданып жүргөн.

- Айзат, мен бир жаңылык уктум ошол чынбы? - деди Гүлжамийла курбусун карап.

- Ооба, ошондой болду.

- Неге, сен аны сүйбөйсүң го?

- Атамдын эжеси болот, кантип каршы болом?

- Кызык, сүйбөгөн адам менен өмүр бою кантип жашайсың айтчы?

- Арга жок, эмне кылам? - Айзат курбусуна Бекмуратты жактыраарын айтпады, - Ата-энемдин сөзүнө каршы тура албайдым.

- Билесиңби, Бекмурат Асылай менен сүйлөшүп жүрчү экен, ал өлөм деп жатыптыр, ал дагы апасынан чыга албай койгон турбайбы?

- Бекмуратпы?

- Ооба, Асылайга ошентип айтыптыр.

- Калп, Бекмурат өзү мени сүйөм дебедиби.

- Чынбы?

- Ооба.

- А сен Тыныбек менен сүйлөшүп жүрчү эмес белең?

- Ал өзү эле жабышып жүрчү, мен аны сүйгөн эмесмин.

- Өзүң билесиң дечи, бирок мен сага Асылайдын сөзүн айтып коеюн курбум, чынында сени менен дос экенимди билип мага келиптир.

- Эмне дейт?

- Бекмураттан баш тартсын, биз бири-бирибизди сүйөбүз, ал деле кыз болгондон кийин мени түшүнсүн дейт.

- Эмнеге баш тартам, ошол кемпирге барып өзү эле айтпайбы, - деп Айзат жини келе айтты, чынында Айзат тез-тез ачууланган, сөз көтөрүмү жок кыз эле, - Бекмурат өзү мурун эле келип мага сөз айтып жүргөн.

- Өзүң билесиң, мен сага бакыт каалайм курбум.

- Рахмат курбум, мени алып кетээрде сен жанымда болосуңбу? - деди кайра жарк эте Айзат.

- Ананчы, сөзсүз барам, - Гүлжамийла кубанычтуу колун чапкылай күлүп, - Айзат кандай кийинишим керек ыя? - деди.

- Өзүңө жакканын кийесиң да.

- Анда апама барып айтам да тиктире баштайм.

- Ошент, туура августун жыйырмасында келише турган болду, кечээ Бекмурат келип тезирээк эле үйлөнсөк бирге болот элек дейт шашып, - Айзат калп мактана кетти.

- Анда мен кетейин, - Асылайдан угуп таңгалып келгем, сага ак жол, бактылуу бол досум, - деп Айзатты кучактай өөп коюп үйүнө кетти. Айзат ойлонуп: "Демек Асылай менен сүйлөшүп жүргөн экен да, апасын кыяалбай эле калган экен, мен туура кылдымбы калп айтып, балким мени алганда деле көңүлү болбосо кантип жашайбыз, мен го аны жактырам, же макулдугумду бербей койсомбу, анда атамдар эмне дейт, апама айтып көрсөмбү", - деп ойлонуп жатты. Бекмурат ага бир дагы келип жолукпады, ан сайын туталанат, Умсун Андижандан сепке керектүүлөрүн бүт алып келип даярданып жаткан эле.

- Апа, - деди Айзат бир күнү.

- Эмне болду?

- Апа, мен Бекмуратка тийбейм, силер эмнеге менин оюмду сурабайсыңар, ал апасын аяп эле мага үйлөнгөнү жатса жашап кете алабызбы?

- Кой кызым, Бекмурат андай бала эмес, колунда бар, акыл-эстүү…

- Мени жактырбаса, ал мага жакпаса анын колунда бар жогунун кимге кереги бар апа, мен тийбейм ага, - деп тултуңдай эшикке чыгып кетти. Умсун ойлонуп калды, ишин таштап Шааркандын үйүнө келди, аны көрүп Бекмурат баш ийкей учурашып сыртка чыгып кетти.

- Кел Умсун, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы эже, сиз менен сйлөшсөмбү деп келдим.

- Сүйлөшпөй анан, айта бер айланайын.

- Эки баланы биз кыйнаган жокпузбу эже, бири-бирин жактырбаса кантип жашашат, азыркы жаштар илгерки биздей эмес, өз каалагандарын айтып туруп алышат экен.

- Ботом Айзат болбой жатабы?

- Бекмурат экөө бири-бири менен сүйлөшүп көрбөптүр, мурда го кез-кез барганда таеже - жээн катары болбосо кийин өзүбүз дагы кыйналып, жаман-жакшы айтышып калбас бекенбиз эже, - деп Умсун Шаарканга аста карады.

- Капырай, тойго аз калганда бөйрөктөн шыйрак чыгарбай тим жүр, көзүмдүн тирүүсндө Айзатка тил тийгизбейм, унчукпай ишиңди кыла бер! - деди Шааркан айбаттуу.

- Сиздин көңүлүңүз, - деп макул болдук эже, кызымдын көз жашы төгүлбөсүн.

- Көз жашы төгүлбөйт, балам да ары тур жигиттерден эмес, кам санаба, жыйырмасы күнү той түшүрүп алып келебиз, камына бер, - деди Шааркан эне.

- Макул эже, менин келгенимди Токтогул билбесин, - деди да Умсун кайра үйүнө кетти, ал кеткенден кийин Бекмуратты чакырып алып:

- Сен Айзатка жолугуп кел, - деди.

- Эмнеге?

- Сүйлөшпөйсүңбү ботом.

- Кантип жолукмак элем?

- Саматбектин кызына кантип жолугуп жүрсөң, ошондой эле жолугасың, мага карайт, күйөт деп жатам балам, кызга жолугуп кой, - деди.

- Макул, - Бекмурат көңүлсүз күңк этип койду.

- Аттуу-баштуу жердин кызы, тарбиялуу кыз.

- Макул апа, сен айткандай болот, - деп Бекмурат колун чекесине тийгизе чест берип күлүп койду, карыган энесин капа кылгысы келбеди. Анан эшикке чыгып аркы-терки басып, эчтеке башына түшө элек жаш бала ойго чөмүлүп жатты. Көптөн кийин бармак болуп жолго чыкты, Ашымбек деген досунун үйүнө баратканда жолунан Асылай чыга калды, байкамаксан болуп өтүп кетээрде:

- Бекмурат! - деди кыз, артына бурулуп эми көргөндөй басып келди.

- Кандайсың?

- Жакшы, эмнеге көргүң келбей өтүп баратасың?

- Асылай мени кечир, чоң энемдин менден башка ишенээри жок, карыган немени капа кыла албайм, өз тагдырымды өзүм курмандыкка чалдым, - деди жер карап.

- Айзатчы, ал деле сени сүйбөсө кандай болот?

- Билбейм, айла жок андан башка…

- Макул, бактылуу болгула, бирок мен сени унута албайм Бекмурат, турмушка деле чыгаармын, бирок сенсиз мен өмүр бою өзүмдү бактысыз сезип өтөм, кош бол! - деп басып кетти Асылай. Бекмурат үнсүз гана узатып кала берди, Ашымбектин үйүнө барса ал дагы үйлөнүүгө даярданып жатыптыр.

- Кел Бекмурат, кайдан келе жатасың? - деди ал.

- Келдим, бир жакка барып келели деп келгемин.

- Кайда?

- Айзатка.

- Макул, сүйүүлөр күчөгөн го?

- Ошондой, - деди көңүлсүз Бекмурат, - Өзүң кимге үйлөнгөнү жатасың?

- Айжамалга.

- Удаа эле үйлөнөт экенбиз да.

- Чын эле, атамдар эле болбой үйлөн деп жатпайбы, жүр анда кеттик, эртең сен мени менен кыз ала качканга барасың, сен үйлөнгөндө мен күйөө жолдош болом, - деп Ашымбек каткырып калды.

- Кеттик, - деп Бекмурат көңүлсүз басып баратты. Экөө Токтогулдун үйүнүн ылдыйраак жагына токтошту да Ашымбек дарбазасына жакын барып такылдатты. Ошол убакта сыртта жүргөн Токтогул келе жатканын көрүп Ашымбек эмне кылаарын билбей калды.

- Ким керек балам? - деди ал.

- Мм, мен, мен Айзаттын калссташымын… - Улам Бекмурат турган жакты карап коюп, - Айзат үйдөбү? - деди зорго.

- Үйдө-үйдө, азыр чакырып коеюн, - деп Токтогул ары басып кетти, Ашымбек Бекмуратка кол шилтеди эле ал өзүн көздөй чакырып калды, аңгыча Айзат чыгып бейтааныш жигитти көрүп таңгала караганда:

- Саламатсызбы чоң кыз? - деди Ашымбек.

- Саламатчылык, сиз кимсиз?

- Бекмураттын досу болом, атым Ашымбек.

- Жакшы мен…

- Билем, жүрүңүз Бекмурат тигил жерде, - деди эле Айзат аны ээрчий басты.

- Кандай таеже? - деди Бекмурат күлүп.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары ок-кей, - деп күлүп Ашымбекке кайрылды, - Таежем менен таанышып кой.

- Биз уже тааныштык.

- Жакшы, - деп үчөө тең унчукпай калышты.

- Бекмурат, менин кызматым керек болбосо тоскоол болбой кете берейин, - Ашымбек Бекмуратты карады.

- Таарынбайсыңбы? - деп Бекмурат ага көзүн кысты.

- Жакшы калгыла анда, - деп ал жолуна түштү.

- Таеже сүйлө, ал-акыбал кандай анан?

- Жакшы, эмнени сүйлөмөк элем?

- Жакында үйлөнөбүз…

- Жүрөгүң башканы каалап турса, башка бирөөнүн сезими менен ойногонуңа жол болсун? - Айзат жини келе айтты.

- Балким тагдырыбыз ошондой чечилет чыгаар.

- Адам өзүнө ишенбей тагдырга шылтаганы чабалдык эмеспи?

- Мен чабалдык деп эсептебейм, ата-энени угуу, сыйлоо адамгерчилик деп ойлойм.

- Макул, чоң энеңдин көңүлү деп үйлөндүң, кийин кандай жашоо болот?

- Аны көрө жатаарбыз.

- Мен мындай кайдыгерликке макул эмесмин.

- Жигитиң бар беле?

- Болсо болгондур, бирок өз тагдырымды мени сүйбөгөнгө таңуулагым келбейт.

- Айзат, - деди Бекмурат бир аз жумшара, - Биз али жашпыз го, алдыда кең келечегибиз бар, бири-бирибизге көнүп кетебиз, сен апамдын сүйүктүү келини болуп берсең эле болду.

- Мен апаңа тиймек белем?

- Келини болосуң.

- Жомокту кой, ушундайда токтотуубуз керек, - деди Айзат терс бурула, - Чоң энеңе менден башканы сүйүктүү келин кылып бер! - деп басып кетээрде Бекмурат карыдан алды:

- Мен башканы издеп жүргөнүм жок, токтотсоң токтото кой, менин ишим да жок, эмитен мынча сүйлөйсүң, кийин менин мээмди чагасың го, бар токтото кой, өзүң кепке каласың, Бекмурат албай коюптур деп! - деди да басып кетти, Айзат эмне кылаарын билбей туруп калды: "Чын эле, элдин баары угуп калды, уят болуп кала берем, бул башкага үйлөнүп алат, Асылай күлүп мазактайт го, тийип алып анан өзүмдү сүйдүрбөй жаным жокпу, көнүшүп кетебиз деди го", - деп ойлонуп туруп анан үйүн көздөй жөнөдү. Белгиленген күн келип Бекмурат досу Ашымбек менен Шааркан эне, Калыбек аялы Тумаркан, жээни Күмүшай, Бекмураттын таенеси менен тагасын кошуп барышты да той кылып, кыз-кыңшылатмай ырымдарын жасап, апасы менен жеңеси чачын эки бөлүп өрүп коштошуп бир машинага себин жүктөп алып жөнөштү, Гүлжамийла Айзаттын жанында, үйүнө келгенде аларды тосуп эт бышып эл көп эле. Бул той болгон күнү Асылайдын көздөрү тоодой болуп шишигенче ыйлап жатты үйүндө. Ошентип Бекмурат үйлөндү, келгенден көпкө чейин анын жанына дагы жатпады, келген-кеткендер шылтоо болуп кайсактап жүрө берди, достору үйлөнгөнү аялы менен бойдоктору болуп аны куттуктап келишип алар менен жүрүп дегеле убактысы болгон жок. Шааркан эне кирсе чыкса жалынып-жалбарып жатат, анан эмне кылсын, жалгыз небересине өкүм-зордук менен өзү алып берип отурса… Бир жума болгондо келген эл суюлуп Шааркан эне чарчаганбы төркү үйдө жатып уктап калган экен, Айзат сыртта жүргөн күйөөсүнө басып барды.

- Эми ыраазысыңбы? - деди кекээрлүү Бекмуратка.

- Абдан, абдан ыраазымын Айзат.

- Демек, апамдын көңүлү жайланды дечи?

- Ооба, апам азыр жаш баладай болуп калды, тез таарынат, тез жазылат, - деп Бекмурат күлүп Айзатты кучагына алды, - Мага капаланбачы Айзат.

- Кантип, сүйүүсүз баш коштук, экөөбүз тең ата-эненин сөзүн-өзүн сыйлап баарына кол шилтедик, аял кишинин сүйүүсү эч нерсеге арзыбасын түшүндүм, эркек кааласа алат, каалабаса таштап коюп башкасына өтүп кете берет, - деп Айзат жумшара Бекмураттын көкүрөгүнө башын кое ыйлап турду. Бекмурат аны жубатып, бетинен аста өөп койду.

- Айзат, бизди тагдырыбыз кошту, кайда барып кутула алмакпыз айтчы, биз эми эрди-аялбыз, эч ким бизди ажырата да албайт, ата-энелерибизди капа кылбай жашоого баш ийишибиз керек, - дегенде Айзаттын чыйрыккан денеси бошой түштү, Бекмуратка ыраазы боло түштү.

- Ооба, тура айтасың, - дегенден башкага жарай албады, ошол күнү алар бирге болуп бүтүн бир денеге айланды, Шааркан эне дагы жаратканга ыраазылыгын миң мертебе айтып, келиндин колунан ысык чай ичип, баягыдай бөкчөңдөп уулуна чай тамак даярдап убара болбой калды. Канчалык кары болсо дагы абдан тың күүлүү-күчтүү болчу. Бекмурат апасынын кубанычын көрүп өзү бактылуу болуп жүрдү, апасынын күлгөнүнө анын бактысы байланыштуу болчу. Айзат дагы энени тез-тез жуунтуп, таза кийинтип, алдына калың салып отургузуп, аппак чоң жоолукту салынып үлпүлдөп отурганын көргөн айыл коңшусу, туугандары көрүп кеп кыла башташты.

- Бала болсо Бекмураттай болсун, Шааркан байкуш өз баласынан көрбөй небересинен көрүп жатат, жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү дегендей эми көрсүн.

- Капырай, баласы байкуш жаш эле өлүп калды да, өмүрү кыска экен, небереси ыймандуу болду, кут кылсын.

- Ананчы, жаш болсо дагы түшүнүктүүсүн айт, биздин балдар отузга чыкса дагы калжың-кулжуң, - деп купшуңдады коңшу аял Анара.

- Эми алар ата-энеге таянат, Бекмурат кимге таянсын, чоң энеси эзилип бышкан өрүктөй болуп турса, - деп аны Тумаркан жактырбады.

- Эси бар бала таянаар тоосу жок эле киши болуп кетет, эси жок бала көчүгүнөн түрткүлөп турса дагы артына кетет.

- Жалгыз бечара аман болсун, Шааркан жеңемдин бүгүнбү, эртеңби деп турган байкуш өлөөрүндө үлпүлдөп сый көрсүн.

- Ооба-ооба, ага ким тарлык кылмак эле, көрө берсин, - деп Анара купшуңдай калды, - Кой кокуй, ишим калды.

- Мейли бара бер, мен жеңеме кирип чыгайын, - деп Тумаркан Бекмураттын үйү жакты көздөй басты, аны Айзат тосуп алды:

- Келиңиз жеңе, жакшы жүрөсүздөрбү, кириңиз үйгө.

- Келдим айланайын, жеңем жакшы элеби?

- Апам жакшы эле, үйдө отурат.

- Кирип сүйлөшөйүн дедим эле, - деп ичкери кирди, - Жеңе кандай жакшы жатасыңбы?

- Жакшы-жакшы, кудайга шүгүр, кел Тумаш.

- Келдим жеңе, Тургун үйлөнөм деп жатат, ошого сага келгем, акча кем болуп турат…

- Ботом, мал-сал сата койбойсуңарбы?

- Мал деле аз эмеспи жеңе, совхоздон алган койлордун деле өлгөнү өлүп аз эле калган, анан бир уй, бир мингисинен башка эч нерсебиз жок эмеспи, - деп Тумаркан тайсалдай түштү.

- Эми-и бизде бир аз акча бар, аны жакында той өткөргөнү турганыбызды билесиң, Беку келсе сүйлөшүп ошол малдан эле алгыла, - деди Шааркан. Тумаркан ыраазы болуп кайтты, Шааркан Бекмурат келгенде ага кеңешти, экөө сүйлөшүп бир торпок бермек болушту. Бекмурат тойду үч күнгө бөлүштүрдү, биринчи күнү коңшу-колоңдорун чакырып ыраазы кылып жөнөттү, экинчи күнү туугандары менен тага журтун чакырды, үчүнчү күнү калссташтары менен өзүнүн досторун чогултуп күнү-түнү оюн-зоок куруп, сыртка жаңырта музыка коюп бийлеп жатышты. Ошондо мектепте окуп жүргөн Асылайдын жүрөгү миң жеринен тилинип: "Кантейин тагдыр сага таарынамын, Сени эстеп жүрөк ооруп турган чагым, Арман ай алган жарың өзүм болбой, Аргасыз зарлап ыйлап кан жутамын", - деп кагазга кызыл сыя менен жазып алып шолоктоп жатып эшикке чыкты, сабагынан жаңы гана келген, күзгү салкын аба чачтарын сеңселтип көкүлүн артын карай сылап койду. Ал бир нерсени ойлонгон, бирок өзүн кайра токтотуп калды: "Мен өзүмдү-өзүм өлтүргөндөн эмне тапмак элем, мейли Бекмурат менин жүрөгүмдөгү таза, ыйык сүйүүмдүн ээси катары кала берсин, мен жеңилдик кылып өлүмгө барсам артымдан толгон сөздөр айтылат, ата-энем кайгыга батат, өзүн-өзү өлтүрүү дагы күнөө дешет, окуумду бүтүп шаарга кетип калам", - деп өзүн-өзү чыйралтты, өзүнө-өзү кайрат берди. Ошентип кайра үйгө кирди, токсон үчүнчү жылдын октябрь айы болчу, ошол жылы мектептеги кыздарды ала качып алуу модага айлана баштаган эле. Асылай өзүн токтотуп Бекмуратты унутууга аракет кыла курбулары менен көбүрөөк сүйлөшүп алаксый баштаган. Ошол учурда анын калссташы Самара деген кызды, тогузунчу калсстын эки окуучусун ала качып кетти. Ал эми Айсара деген кыз жигитине өзү макулдугун бериптир дешип кыздар таңгала сүйлөшүп келе жатышканда Асылайды бир машинага салып кетип калды, жанындагы кыздар ызы-чуу болуп качып кетишти. Аны Калыбектин баласы Тургун ала качты, ал шаарга жаңыдан иштейм деп кеткен, бирок сооданы түшүнбөй кайра келип үйлөнгөнү жатканда Асылайды көрүп калып ата-энесине айтып көрсө Калыбек:

- Саматбектин кызы болсо жакшы экен. Ал экөөбүз жакшыбыз балам, - деди бакылдай.

- Аялы дагы жакшы, куда болчу кишилер, бирок биздин колубузда жок экенин билген неме кызын берээр бекен? - Тумаркан күйөөсүнө карады.

- Берет, ала качып келе бер балам, Саматбек кызын сууруп кетсе анда көрөм.

- Өзүң бил, бир уят болбосок эле болду.

- Апа, мен андан башканы албайм, - деди Тургун, ошентип бир чечимге келишип камынып ала качышты. Муну уккан Бекмурат өзүн жоготуп кое жаздады, эмне кылаарын билбей: "Бул эмне деген табышмак, мындай болсо мен өзүм эле ала качып алмакмын, мен окуусун бүтө элек деп калбадымбы, жо-ок Асылай отурбайт, ал отурбайт", - деп жанын коеорго жер таппай жатты. Сыртта жүргөн уулун көргөн Шааркан:

- Ээ балам, Тургун аял алып келиптир, барып жардам бербейсиңби, туугандын жардамы ушундайда билинет, - деди.

- Алып келиптирби? - Бекмурат чоң энесин элээ карады.

- Ооба, алып келиптир, Саматбек менен Калыбек илгертеден теңтуш турбайбы, кызы деле унчукпай отуруп калды бечара.

- Апа! - деп жиберди Бекмурат, ошол убакта Айзат үйдөн чыгып келе жаткан, аны байкабады, - Сен, сен мени бактылуу кылам дедиң беле?!

- Ботом эмне болду? - Эне небересин элээ карады.

- Эмне болду деп коет, - Бекмурат башын эки колдоп кармап алып алапайын таппай кетти, - Эмне болду дейт, мындай болоорун билсем… - деп келе жатып Айзатты көрүп токтоп калды.

- Сага эмне болду Беку? - Айзат жанына келди.

- Эчтеке.

- Калыбек менен Тумаркан Айзатты отко киргизебиз дегенинен мен келдим, кийит-кече алып чогуу баралы, барбасак болбойт, - деп Шааркан эне сезсе дагы билмексен болуп айтты.

- Мен барбайм, силер бара бергиле.

- Кой балам, барбасак болбойт, Калыбектер таарынып калбайбы?

- Малды ким карайт, ууруларга алдырып ийип отуруп калбайлы апа, келин алган жерге силер эле бара бергиле да, - Тескери карап нары басып кетти.

- Жардам бербейсиңби балам?

- Айзат жардам берет.

- Биз менен барып, Тургунга жолугуп кел.

- Анан барам, силер бара бергиле.

- Мейли, - деп Шааркан эне келинин ээрчитип ичкери кирип кетти, Айзат жаман акыбалда калды: "Бул аны унутпайт экен, ошого жинденип жатат, Асылай атайын эле Тургунга тийип алды окшойт, окуусун бүтө электе эмнеге макул болот, Бекмуратка жакын болгусу келгендир", - деп ойлогону менен унчукпады. Шааркан эне Айзатты ээрчитип алып Калыбектин үйүнө келип, келинине жоолук салып бетинен өөп жатып: "Чырактай кыз тура, байкуш баламды укпай койгонумду кара, Саматбек мага бербей коймок эмес, аттиң эми болбос", - деп ичтен сыза отуруп калды. Айзат салт боюнча үйгө жүгүнүп киргенден кийин кызмат кылып жүрөт. Улам Асылайды карап коет: "Өзүнүн көңүлү менен келгендей эмес, сүйбөй тийген кандай жаман, экөөбүздүн тең тагдырыбыз окшош болду, эми кандай болоор экен, бул жерде турса Бекмурат жолукпай коймок беле, анын үстүнө жеңеси болот, балким экөө…", - Айзаттын жүрөгү зырп этип алды: "Өмүр бою буларды бири-биринен кызганып жүрүп өтөмбү", - деп ыйлагысы келип кетти. Кечке маал Бекмурат келип бир аз сыртта жардамдашып анан кетип калды, Тургунду ооз учунан куттуктады. Шааркан эне түнү менен алардын үйүндө болду. Айзат үйүнө келгенден кийин түнөрүп отурган Бекмуратка минтти:

- Ичиң ачышып жатабы?

- Эмнеге ачышмак эле?

- Асылай башкага буйруду, сага эмес.

- Койчу Айзат…

- Сенин ички туйгуңду билбейт дейсиңби?

- Сүйлөй бербечи.

- Актанбай эле кой, - Айзат күлүп эркелей кетти, - Баары бир сен меникисиң.

- Анда эмнеге айтып жатасың?

- Сенин күптүңдү билип айттым да.

- Экинчи айтпа.

- Болуптур сөз кылбайм.

- Азамат, сен эстүү аялсың да, - деп Бекмурат жылмайып алды. Анын жүрөгү эзилип турган эле, аргасыз өз жашоосунун кулу болууга даяр: "Мен апамдын гана бактылуу жашап, өлөөрүндө көңүлү тынч болсун дедим, өзүм үчүн эмес, апам үчүн бактылуумун, түбөлүк өкүнүчүм, сүйгөн асыл жаным башка адамдын жары болду, анын бактылуу болгонун көрсөм бактылуу болгонум ошол", - деп ойлонуп жатты. Айзат ага жагууга аракет кылып тамагын жасап, кийимдерин таза жууп, үй ичин жакшы кармап жаны тынбайт. Бекмурат анын көңүлүн калтырбаганга аракет кылат, жумшак мамиле жасайт, күндө үйдө, Тургун аны бир күнү чакырып келип калды, отун жарышып кой деп, анткени Асылайдын төркүндөрү көшөгөсүн алып келмек, Айзат негедир аны барбаса экен деп турду, оюнда барса эле Асылай экөө жолугушуп алып бир жакка кетип калчудай сезиле берет, Бекмурат Тургун менен кеткенден баштап чый-пыйы чыгып жатты. Ал дагы кечигип келбей көпкө күттүрдү:

- Апа, Беку кечикти го?

- Келет балам, жардам берсин.

- Эмдигиче бүтө элекпи?

- Конок күтүү оңой эмес, отунду көп жарат да.

- Малды киргизиш керек эле, ал кечикти, мен киргизе берейин.

- Жөн кой балам, келгенде киргизет, - деди эле Айзат Шааркан энеге эчтеке дей албай калды. Кирип чыгып карай берип тажап кеткенде келип калды.

- Эмне мынча кечиктиң? - деди дароо эле.

- Иш көп экен.

- Сени эле күтүп отурушуптурбу?

- Анчалык эмне такыдың?

- Деги да…

- Кой малды киргизели.

- Кеч болуп кетти…

- Эчтеке болбойт, уйду кеч киргизген жакшы, - деп Бекмурат мал короого басты, Айзат жардам берип жатты. Эртеси дагы кетти Бекмурат, анда Шааркан менен Айзат дагы кошо барып конок күтүп жатышты, Асылайдын төркүндөрү келип себин көшөгөсү менен чогуу алып келишкенин кеп кылып жатышты, Айзаттын себи начар келгендиктен өзү басынып жатты. Убакыт аккан суудай эмеспи кычыраган кыш өтүп жаз дагы келди, айлана жашыл тукаба жамынып кооздонуп, алма өрүктөр гүлдөп калган кез, Айзаттын боюнда бар, Бекмурат кубанып аялына үйрүлүп турат. Шааркан эне жылдагыдан алсыз, көп жатат, тамак-ашты аз ичип калган. Айзаттын кош бойлуу экенин билгенден кийин кубанып:

- Айланайын, чеберемди колума алып жыттап алып анан өлсөм арман жок эле, - деп калат.

- Койчу апа, сен өлбөйсүң, чебериңди жетелеп айылчылайсың, - деп күлүп коет Бекмурат, Айзатка ал жокто акыл-насаат айтып ар убак аны жубатып турат.

- Балам, мына балалуу болгону турасыңар, эркекти кызгана берген болбойт, үстүңдө үйүң турат, көтөрүмдүү болсоң баарын жеңесиң.

- Апа, кызганган деле жокмун.

- Билем балам, сен Бекуну кызганасың, Асылайдан кызганып жүргөнүңдү билем, эми анын дагы күйөөсү бар, эли журту бар, алар дагы балалуу болушат, өз жашоолору бар, Бекуну кызганычтан тажатып жибербе.

- Макул апа, айтканыңызга кошулам, - деп Айзат жылмайып койду, - Сиз кабатыр болбоңуз.

- Ошент садага.

Бекмурат кийинки кезде Тургунга көп кетчү болду, билгизбегени менен ичинен аны жибергиси келбей турса дагы эчтеке дей албайт, бүгүн дагы жөнөп калган экен:

- Беку, кайда барасың? - деди Айзат.

- Тургунга барып келем.

- Эмне жумушуң бар аныкында?

- Сүйлөшүп отурабыз да.

- Барбай эле койчу.

- Неге?

- Жөн эле.

- Зеригип отурганда эмне, апамды карай бер, - деп коюп кетип калды, Тургун ал келгенде жок эле, Асылай сыртта жүргөн.

- Кандай жеңе? - деди Асылайга жакындай Бекмурат.

- Кандай болушу керек эле?

- Сурадым да…

- Жеңең болгонумду күттүң беле?

- Жок-жок, күткөн эмесмин, - Бекмурат эки жагын карады, - Тургун акем жок беле?

- Кайтарып жүргөнүм жок.

- Кечир мени Ас…

- Кечирим күтүп жүрөсүңбү?

- Суроого туура келет.

- Оо Беку кел, качан келдиң? - деп Тургун кирди.

- Азыр эле келгемин…

- Жүрү карта ойнойбуз.

- Давай, - деп ыңгайсыздыктан чыга Тургунду ээрчий ичкери кирип кетти Бекмурат.

- Бекерчиликтен тажап баратам Беку, мен шаарга кетпесем болбойт.

- Эмне кыласыз шаарда?

- Иштейм, кийин келип Асылайды алып кетем.

- Шаардык болуп калат турбайсызбы?

- Антпесе көрүп турасың, үйдү дагы оңдош керек, атамдар дагы картайып калышты, кичүүсү болгондон кийин биз карайбыз, бул үйдө калабыз да, - деп Тургун Бекмуратты карап башын ийкеп койду, - Чынбы иним, бир-эки жыл иштешибиз керек.

- Туура, - Бекмурат дагы башын ийкеп калды.

- Ошондой иним, жакында шаарга кеткени жатам.

- Өзүңүз билесиз, Калыбек абамдар макул болдубу?

- Макул болбогондо кайда бармак эле, Туйгун менен Аргындар карап турушат, - Тургун күлүп койду. Экөө карта ойноп көпкө чейин отурушту, анан Бекмурат үйүнө кетип жатканда Асылай аны телмире карап турганын көрдү. Асылай Тургунга бой салбай жүрдү көпкө чейин, жанына жуутпай төшөктү бөлүп алып Тургунду карагысы келбейт.

- Асылай, мен сени ала качып алганыма ушинтип жатасыңбы, койчу эми, - деп имере тартып кучактап өөп болбой эле өз максатына жетип анан жатып калды.

- Акмак! - деди Асылай ыйлап, - Сенин жүрөгүң жок.

- Эмнеге?

- Сен сүйүү дегенди билбейсиң.

- Эмне үчүн, мен сени сүйүп анан ала качпадымбы?

- Калп, маданият дегенди түшүнбөйсүң.

- Эмне кылышым керек эле?

- Өзүңдөн башканы ойлобойсуң.

- Койчу эми Асылай, кечир мени, - Кучактамак болгондо колун түртүп ийди, - Ары жат!

- Сен менин аялымсың, - Ылжаңдай жабышканда туруп кетти, - Асылай, үшүйсүң жат эми.

- Мен өзүмчө жатам, - деп Асылай башка бөлмөгө кирип төшөк салып жатканда Тургун кирди.

- Кой эми, атамдар укпасын, - деп көтөрүп алып төшөгүнө кучактап жатып алды, - Мен сени сүйөм Асылай, сен экөөбүз түбөлүк бирге болобуз, минтпей жүр эми, жакында шаарга кетебиз, сени окутам.

- Кантип, убагы бүтүп калды го?

- Эчтеке эмес, сүйлөшүп аттестат алып берем.

- Ишенбейм.

- Чын айтам Асылай, ишенчи мага, эмдиги жылы сөзсүз окууга киргизем, адегенде шаарга барып жумуш табайын макулбу?

- Мен барбайм.

- Эмнеге?

- Шаарга барып адегенде иш тап.

- Чогуу эле кетсек жакшы болмок.

- Бараар үй болбосо батирде салпактап жүрөбүзбү?

- Эмне болот эле, баары эле ошентип жашап жатпайбы, жумуш таап алып анан үйлүү болобуз.

- Ата-энеңди ким багат?

- Мен жалгыз эмесмин да агаларым бар.

- Койчу, уктайм мен, - дегенде Тургун унчукпай ары карап жаткан келинчегин кучактап жатып калды. Үйлөнгөндөн бери ушундай көрүнүш, Асылай мисирейгенинен тайбады. Тургун ата-энесине билгизбейт, анчалык деле анын муздак мамилесине көңүл бурбайт: "Ала качып алганга ушинтип жатат, көнбөгөндө кайда бармак эле", - деген ойдо жүргөн, эгерде Бекмурат экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн угуп билсе кандай ойдо калаарын ким билсин. Бирок Асылайды азырынча жаштыгынан улам көп сүйлөбөйт, ошондуктан ата-энесинен алысыраак кетип келинчеги менен ээн-эркин болгусу келет. Ошол күндөрдө Асылайдын курбусу Мадина келип калды, ал келгенде Тумаркан келинен карап:

- Айланайын, сүйлөшүп отургула, курбуңа тамак жасап жибер, - деди.

- Макул апа.

- Жөн эле койчу, мен жөн эле келгем, сүйлөшүп эле отуралы, - деп Мадина кысына карады.

- Кой кызым, Асылай дагы зеригип жүрөт, отуруп кет.

- Кир эми үйгө, келбей жатып эле кетем дебей.

- Макул эми, - Мадина үйгө кирип орун алды, Тумаркан өзү Шааркан эненин ал-абалынан кабар алганы кетти. Эки курбу ээн калып көпкө сүйлөшүп отурушту.

- Асылай, Бекмурат сенин кайниң болуп калдыбы? - деди Мадина ага кайрыла.

- Ооба, азыр ал кайним.

- Кызык, сүйлөшөсүңөрбү анан?

- Эмнени сүйлөшмөк элек?

- Сен кандай деп ойлойсуң, сени менен сү йлөшүп жүрүп Айзат менен да жүрүптүрбү ыя?

- Аны кайдан билем Мадина, башкысы Бекмуратка боорум ооруйт, чоң энесинин сөзүнөн чыга албай калды, - Асылай ойлуу телмире калды, - Мен кесир сүйлөп койгонума өзүм өкүнөм, анткени мен, апаң башканы алып берем десе кантесиң, - деп айтчумун, балким экөөбүздүн тагдырыбыз эки башкадыр, - деди анан, - Оозго сала берет турбайбы.

- Капаланбачы курбум, күйөөң жакшынакай эле жигит го, бара-бара көнүп дагы кетесиң, - деп Мадина жооткото сүйлөдү.

- Мен Тургунга эч көнө албайт болушум керек, көргүм келбейт, - Асылай ыйлап жиберди, - Мен мектепти бүткөнчө Бекмуратты күтөт деп ойлогомун, ал болсо…

- Койчу Асылай, - Мадина Асылайды кучактап сооротуп жатты, - Кайненең келип калса эмне дейт, кой ыйлаба, өзүң менен кошо кишини эзип жибердиң, минтсең жаман болосуң.

- Мейли, азыр өзүмдү да ойлогум келбейт, - Көз жашын аарчып жатканда Тургун кирди.

- Кел Мадина, качан келдиң?

- Жанараак эле…

- Асылай сага эмне болду? - Тургун Асылайдын ыйлаганын көрүп жанына отура калды, - Койчу жаным, ыйлабачы.

- Турчу нары, сен ала качып албасаң мектепте окуп жүрмөкмүн, - Асылай аны түртүп ийди, - Башка кыздар толуп жатса аларды эмнеге албайсың? - дегенде Тургун кызыктай боло түштү да кайра күлүп: - Асылай, мен өзүмө жаккан, өзүм сүйгөн кызды алдым да, сен менин сүйгөн жанымсың, ачуу-ыза акыры кетет, - деп кучактамак болгондо ал түртүп жолотподу. Мадина аны сыртка ээрчитип чыгып көпкө сүйлөшүп тынчтандырып анан кетти. Тумаркан Шааркандын жанына барып аркы-беркини сүйлөшүп отурду.

- Жеңе акыбалың дурус элеби, баягыдай үйгө дагы барбай калдың, - деди анан.

- Карылык кишендебедиби балам, бар күчүмдү Аалыбайымдан калган жалгыз туягына жумшадым, эми ушунумдун баласын колума алып, ууз жүзүнөн жыттап, уулумдун тукуму уланганын өз көзүм менен көрсөм анан кете берсем болот эле, бир арманым ушул, Аалыбай быйыл кырк үчкө эле чыкмак, - деп эне үшкүрүнүп алды, - Каралдымдын өмүрү кыска экен кантейин аргам жок көнүп берип, Бекумду белиме таңып жашап келе жатам, сексен экиге чыктым, эмки өмүрдүн мага кызыгы деле жок Тумаркан, - деди Шааркан эне кайра-кайра үшкүрүнө, - Кокус көзүм жумулуп кетсе балдарга баш көз болгула, өйдөдө өбөк болуп жалгызсыратпагыла, балдарың менен жакшылап тууган катары катышышсын кагылайын.

- Койчу жеңе, дагы деле көп жашайсың, Бекунун балдарын тизеңе отургузуп, этегиңе катып багасың, - Тумаркан жайкай сүйлөдү, - Токсон-жүзгө чейин деле жашайт тура.

- Кесири болбосун картайгандан кийин өмүр кызыксыз болуп калат экен, эл аралап баса албасаң, баягыдай өзүң каалаган ишти жасай албасаң, көкүрөк согот, көөдөн жок деген ушул экен да, караңгы менен жарыктын айрымасы жок болуп калган кезде жашоонун эмне кереги бар айланайын, жашаарымды жашадым, көрөөрүмдү көрдүм, эми ушу жамандардын алдында кете берейин, бактырбай жүгүрүп жүрүп, мүдүрүлтүп алса деген эле оюм бар, - деп дагы үшкүрүнүп алды.

- Баланын чайын ич жеңе, эми гана келин алып көңүлүң жайланды, ошолордун ызаат сыйын көрүп анан кетсең деле болот, кой жакшы тур жеңе, мен үйгө барайын, - деп туруп баратып кайра отуруп калды, - Жеңе, тиги Тургундун аялы саал көңүлү жоктой болуп жатат, эмне кылсам экен?

- Ботом жаш эмеспи, - деп эненин жүрөгү болк этип алды, - Көнүп кетет, күйөөсүнө имерилбесе молдого ысытма жасатып кой, анын зыяны жок, сооп болот, - деди Шааркан эне.

- Ошентейин ээ жеңе, шаарга кетебиз дейт, аяктан жаш неме башкага бурулуп кетпесин.

- Ооба айланайын, жаштар эмеспи, ынтымак берсинчи, анын үстүнө окубай калганына ызаланып жүргөндүр, - деди эне ойлуу, Тумаркан чыгып кеткенден кийин: "Катыгүн ай, бири-бирин жактырган жаштарды ажыратып күнөөгө баттымбы, арзуу ишин билбесем бир жөн, аттиң жаштыктын мээри… бир кезде Үмөтбек дагы мени ата-энеме кайра-кайра жиберип, жеңелериме чакыртып, атыр самын алып барып кандай гана далбастабады эле, пендемин да-а, акылымдан айныганда балама кыянат кылдымбы", - деп ойлонуп жатканда келини чай-тамагын алып келди, Бекмурат дагы кирип отурду.

- Апа, көп жата бербей сыртка чыгып отурсаң боло.

- Ээ балам алы-күчүм жок, эми мен кайра жашармак белем, силердин эле жакшылыгыңарды көзүм көрүп, кулагым угуп турса болду.

- Апа, - деди Бекмурат күлүп, - Буйруса жүзгө чыксаң чоң той беремин, айылга дүң эттирип жүз жылдык той берип аппак кийинтип алып атка миңгизип оюн-зоок көргөзөмүн, - деди эле:

- Оо кокуй күн, сен өзүң көп жаша балам, балдарың көбөйүп бир айыл болсоңор, мен көп жашаганда эмне, - деп эне бүлк-бүлк этип күлүп калды.

- Апа, чебирелериңизди карап, алар менен жетелешип айылчылап тойлорго барыңыз, - деди Айзат дагы.

- Кой айланайындар, ушу балаңарды көрүп колума алсам арманым жок, - деп эне унчукпай калды. Бекмурат апасын ойлуу карап унчукпады: "Быйыл жылдагыдан кайраты кетип калды, дагы жашай турса экен, менин балдарымды көрүп көөнү тынып анан кетсе кана, атам менен апамды дагы жакшы билбей калдым", - деп оор дем алды. Айзат тамагын берип андан кийин өз иши менен алек, Бекмурат ички бөлмөгө кирип төрдө илинип турган ата-энесинин сүрөтүн тиктеп турду, бир кезде апасынын сүрөтү жылмайгансып кетти, аны эсине албаган Бекмурат: "Ата-апа, мен силердин кандай экениңерди дагы билбей калдым, эмнеге эрте кеттиңер экен, көп эстейм, бирок эч элестете албайм, ал жакта биргесиңерби?", - деп сыртына чыгара сүйлөп ийип анан апасынын сүрөтүнүн өзгөрүп калганын көрүп чоочуп кетти, анткени бул сүрөттү апасы сандыгынан алып чыккандан кийин өзү чоңойттуруп келип илип алган эле: "Сүрөт дагы өзгөрөбү, же мени билип жатабы?", - деп кайра караса кадимкисиндей болуп сустая түшүптүр. Артына бурулуп бөлмөдөн чыгып баратса сүрөт түшүп кетти, караса жерде жатыптыр: "Жакшы илинбей калган го", - деп ордуна илип коюп чыгып кетти. Ошол бойдон унутуп деле калган, бир күнү буюм издеп кирип барса сүрөт дагы жерде жатыптыр.

Мыктын чоңун кагып жатып: "Бекемдеп коеюнчу", - деп илип жатып бетин колу менен сүртүп жатканда атасы менен апасы бири-бирин карап калыптыр, дароо колун тартып алды да бөлмөдөн чыгып кетти. Шааркан төрдө жаткан, аны көрүп:

- Балам, аякта эмне кылып жүрөсүң? - деди алсыз.

- Бирдеме издеп киргемин.

- Бери кирчи.

- Эмне болду апа?

- Отур жаныма, - деп Шааркан эне жөтөлүп алды, - Мен бир сыр айтам балам.

- Эмне деген сыр ал?

- Апаңдын сүрөтүн карадыңбы?

- Ооба, эмне экен? - Бекмурат билмексен болуп карады.

- Сүрөт кээде кабагын бүркөп калат, кээде жылмайып калат, андан чоочулаба балам, апаң азиз-аруу жан эле, бей күнөө бечаранын сенин жакшылыгыңды билип турат, - деди жай гана.

- Жерге түшүп кетиптир, илип койдум.

- Ыраспы уулум?

- Ооба.

- Коркпо балам, анда менин дагы көрөөр күнүм аз калган экен, даярдана бергиле, Айзаттын айы ушул айбы?

- Ооба, аз калды деп жатат го?

- Апаңдын сүрөтүн илбей эле сандыкка салып кой, илгенде Айзат байкап калса чоочуп же бирөө жарымга кеп кылып жүрбөсүн, - деп көзүн жумуп жатып калды: "Кызык го, сүрөттөн дагы сыр береби, анда атам экөөнө куран окутуп коеюн", - деп Айзатты камыр жуурутуп боорсок жасаганга даярдантып, өзү эрте чыгып бир койду тоодон алып келди да союп эл чакырып куран окутуп сүрөттү жаңы ак сурпка ороп сандыктын түбүнө катып койду.

- Аны эмнеге каттың, сүрөттү илип койбойт белең? - деди Айзат таңгала.

- Чаң болуп калат экен, таза тура берсин.

- Тазалап турса болот да.

- Тим кой тура берсин, - деп койду Бекмурат, ошондон бир жума өтпөй эле Айзат уул төрөдү, Шааркан эненин кубанычы койнуна сыйбай чебересин колуна алып өзүнүн көйнөгүнө ороп: "Өмүр жашымды бердим, убап-чубап артыңдан уул-кыз келе берсин, аты Уланбек болсун", - деп кобурап жатты, арадан он күн өткөн жок, Шааркан эне сексен эки жашында дүйнөдөн өттү, аны сексен төрттө деп жерге беришти. Бекмурат кабыргасы кайыша аябай ыйлап ызаат сыйын кылып, чачыла чачып, жыртыш жыртты. Эки бээ союп элге тартып куран түшүрттү. Убакыт саат сайын жылып жылдар алмашып Айзат үчтү төрөдү, уулдарынын атын Уланбектен кийинкиси Уларбек, Турарбек койду, Бекмурат бакыйган адам болду. Айзаттын эми баягы кызганычы жоголуп балдарынын апасына айланган. Төртүнчүсү боюнда барында түшүнө ар кандай нерселер кирип кыйналып жүрүп кыз төрөдү, кызы чоң энеси Гүлүйпага куюп койгондой окшош болуп Бекмураттын түшүнө апасы кирди, кызы төрөлгөн күнү: ал колуна бажырайган себеттеги гүлдү көтөрүп алып: "Балам, муну кастарлап алып жүр, менин сага берээрим ушул, мен сенин энеңмин, атаң экөөбүз сага ушуну атайын алып келдик, гүлдүн аты Гүлзар, Гүлзар, Гүлзар!", - деп барып угулбай калганда ойгонуп кетти: "Бул эмнеси, апамды сүйлөй албайт дечү эмес беле, жакшынакай эле сүйлөдү го, кызымдын атын Гүлзар коюшум керек экен да", - деп туруп сыртка чыкса таң агарып калыптыр: "Бүгүн Айзатка барып келейин", - деп уктап жаткан балдарын кымтылап коюп сыртка чыкса эртелеп Асылай келиптир. Баса Асылай эки балалуу болуп калган, Тургун шаарда, кез-кез акча салып коюп бир жылда эки жолу гана келип кетет:

- Кел жеңе, - деди Бекмурат.

- Сен Тургун менен сүйлөшчү, бүгүн переговор бар, апам менен барып сен айт, ал эми келсин.

- Эмнеге, өзүң айтсаң болбойбу?

- Келбей жатат.

- Эмнеге?

- Билбейм, башканы таап алган го?

- Койчу, кантип эле, андайга барбайт чыгар.

- Эмне болсо ошол болсун, мени укпайт.

- Анан мени угабы?

- Айтып көр.

- Макул, - деп Бекмурат жер карап калды, Асылай кайра эле кетип калды, - Кызык болду го, Асылайды ушундай акыбалга кантип калтырдым, жо-ок Тургун мындай ишке барбашы керек болчу, мен дагы ага жол бербейм, - деп алды өзүнчө. Асылай үчүн өз жүрөгү зыркырап кетти. Бирок ал эч нерсе кыла алмак эмес, өз үй-бүлөөсү бар эле, өзүн күнөөлүү сезип кайра ичке кирди, чай кайнатып балдарын тургузуп, кардын тойгузуп, кийиндирип коюп анан төрөтканага жөнөдү. Ал келгенде Айзат кыйналып жаткан экен, акушерка чыгып:

- Азыр Токтогулованын абалы начар, төрөгөндөн кийин каны түшүп кетти, - деди.

- Кечээ жакшы эмес беле?

- Түндө башталды, эмнеге экенин билбейбиз, каны аз.

- Жакшы болуп кетеби, бала жакшыбы?

- Кызыңар жакшы эле, апасынын акыбалы оор.

- Эмне кылса болот?

- Дарылайбыз, врачка жолугуп чыгыңызчы.

- Жарайт, - деп Бекмурат ичке кирип врачка жолугуп эле кайра чыкса Умсун келип калды.

- Айзатка жолуктуңбу балам?

- Азыр укол алып жатыптыр, кан бериш керек, каны аз болуп түндө кыйналып жатат дейт.

- Эмне дейт айланайын, жүрү киреличи, - деп Умсун күйөө баласынын алдына түшүп коридор менен Айзат жаткан палатага кирип барышты, Айзат эчтеке билбей жаткан экен, укол тыпылдап агып жатат, Айзаттын өңү купкуу болуп кан-сөлү жок араң дем алып жаткан эле.

- Айзат, кызым көзүңдү ашчы, көзүңдү ашчы балам, - деп Умсун чачтарын сылап бетинен өөп ыйлап ийди.

- Тынчын албаңыз, жаңы эле уктады, - деди сестра.

- Айланайын, деги жакшы элеби?

- Врачка жолугуңуздар.

- Мейли кагылайын, - деп Умсун жашын аарчый палатадан чыгып кетти, Бекмураттын кабагы салыңкы, врачтын айтканын эстеп жаман болуп жатты: "Аялыңдын акыбалы оор, кан басымы күтүүсүз түшүп кетти, колубуздан келген жардамыбызды биз аябайбыз", - деген ага. Ал балдарына кайра келди, эң улуусу алты жашар, андан кийинкиси төрттө, кичүүсү эки жаш, алардан кабар алып отурса Тумаркан келди:

- Беку, телефонго барасыңбы?

- Апа мен бара албайм го, Айзаттын акыбалы оор дейт врач, балдарды карай турган эч ким жок.

- Капырай кечээ эле жакшынакай эмес беле?

- Түндө ооруп калыптыр.

- Жакшы болуп кетсин, Асылайды жөнөтөйүнчү, - деп Тумаркан кейип-кепчип калды, - Тургун дагы келбей жатат, Асылай болсо кетем дейт, баягыда кошуп берип ийсем болмок экен.

- Тургун акем өзү эмне деп жатат?

- Ал эмне десин, өткөндө көп акча берип ийиптир, өзү жакында келе албайм деген экен Асылайдын ошондон бери кабагы ачылбайт, балдарды алып кетем деп коркутуп жатат.

- Жөн эле айтып жатса керек.

- Кайдан билем, жанагы баладан улам атаң экөөбүз күнөөлүү болуп жатабыз, - деди кейий Тумаркан.

- Тамашалап келбейм деп жаткандыр?

- Тамашалабай курусун, кой мен барып сүйлөшөйүн, сен балдарды Асылайга таштап коюп бара бер, мен анан барам.

- Макул, - Бекмурат балдарын чөжүрөтө ээрчитип алып Калыбектикине барса Асылайдын көздөрү кызара ыйлап алган экен.

- Жеңе, балдарды карап турасыңбы?

- Кайда барасың?

- Айзат ооруп калыптыр, мен жанында болбосом…

- Эмне болуп, сени коркутуп эркелеп жаткандыр?

- Жо-ок, өтө кооптуу дейт врач.

- Ырас элеби? - Асылай Бекмуратты тикчийе карады, - Андай болсо бара бер.

- Рахмат, - Бекмурат артына кайрылды, бирок Асылайдын көзүндөгү жаштар анын жүрөгүн оорутуп баратты.

Бекмурат төрөтканага келсе Айзат ойгоо экен, Умсун анын колун кармалап ыйлап отуруптур, босогодон көрүнгөн Бекмуратты карай жылмайган болду, өңү купкуу, эки-үч күндө азгын тартып бет сөөгү оркое түшүптүр.

- Акыбал кандай? - деп Бекмурат жанына отурду.

- Жакшы, балдар ыйлаган жокпу?

- Ойноп жүрөт.

- Ошолорду ойлонуп жаман болуп жатам, Турар ыйлап калбасын, - деп көкүрөгүн кере демин чыгарып алды.

- Өзүңдү карачы кызым, өзүң аман-эсен үйүңө барсаң карай бересиң, - деген Умсун кызына боору ооруй карады.

- Апа, балдарымды кантип ойлобойм, жаш да.

- Кудай сактасын, Беку карап жатпайбы.

- Айзат, алардан кабатыр болбо, өзүң жакшы болуп кетсең болду, - деди Бекмурат дагы аны тынчтандырды, - Улан эсине кирип калбадыбы, экөөнү карап жатат, - Бекмурат Асылайга таштаганын укса капаланбасын деп ойлоду, анткени экөөнүн ичи анча келишчү эмес, мамиле да кылбышпады, ошондуктан айткысы келбеди. Ошол кезде Айзаттын эки бети албырып денеси ысып күйүп чыкты, медсестра келип укол сайгандан кийин дароо уктап кетти. Умсун кирип-чыгып көз жашын сыгып жатканда Токтогул келип калды, улуу баласы Бекмат экөө келип Умсундан угуп врачка жолугууга киришти. Бирок алардан жакшылыктуу жооп уга алышпады. Болгону:

- Биз болгон аракетибизди жасап жатабыз, азырынча бизде дары-дармек жетиштүү, акчасын эле төлөп койгула, - деди врач.

- Анда биз создуктурбай башка жакка алып барсак кантет? - деди Токтогул.

- Болбойт, төрөттөн кийин кыйналып калган, - деп койду, анткени алар анын адам болбосун билишкен эле. Төрөттөн кийин тез каны түшүп кеткен аялдарды мурда дагы көрүшкөн, канча аракет кылса дагы сактай алышкан эмес. Токтогул эмне кылаарын билбей өздөрүнүн машинасын айдап келдирип шаарга алып кетмек болду эле ага беришпеди. "Жолдон кыйнап коесуңар", - дегенден соң унчупкай калышты, бирде эти от менен жалын бирде кадимкисиндей өзүнө келип калып жатты. Умсун жанына чыкпай карап отуруп кыйналып кеткенде Бекмурат бир күнү эрте келип:

- Апа, кечке сиз эс алып келиңиз, мен карап турайын, - деди боору ооруй.

- Кыйналбай куруюн, үйгө барып эс ала аламбы, андан көрө ушул эле жерге эс алам, - деп болбой жатканда Саадат келип өзү алып кетти. Алар кеткенден кийин Бекмурат Айзатты тиктеп отуруп үргүлөп кеткен экен:

- Чарчадыңбы Беку? - деди Айзат алсыз үнү менен.

- Жо-ок, неге чарчамак элем, өзүң кандай жакшы сезип калдыңбы?

- Бекмурат, Беку мен адам болбой калдым го, андан көрө балдарды жакшы кара.

- Айзат, эмне деп жатасың?

- Чындыктан кайда качып кутулабыз, балдарымды гана аяйм, мени билбей дагы калышат го? - Жылмайган болду, - Куду сендей болушат да, сен айтчу элең го, ата-энемди түшүмдөгүдөй эле билем деп, Улан ошентип калат, Улар менен Турар эчтеке билбейт, кызымчы…

- Айзат, кызыбыздын атын Гүлзар коелу ээ? - деп Бекмурат сөздү башкага бурмак болду.

- Мейли, жакшы ат экен, Гүлзар, Гүлзар…

- Айзат, сен жаман ойду ойлобочу, жакшы болуп кетесиң, балдарыбызды экөөлөп өстүрөбүз, көрөсүң го?

- Кайда-ан Беку, - Айзаттын көз кычыктарынан аккан жашы чачтарын аралай сиңип кетип жатты, - Беку, апам келсе сени менен коштошо албай калам, аз жашасам дагы жашоого үрөөн таштадым, сендей жигиттин жары болдум, сүйүүктүү келин болдум, жаратканга ыраазымын, сага эки дүйнөдө ыраазымын Беку, менден кетсе кечир!

- Жинди, - Бекмурат чыдай албай ыйлап жатып күлгөн болду, жаагына алаканын тийгизе аста өптү, - Жинди десе, чоң энедей болуп айтканын кара, сен менин балдарымдын апасы, менин сүйүктүү жарымсың, сен экөөбүздү эч ким ажырата албайт.

- Ооба, ушинтип айткансың, бирок бизди кудайым өзү… - деп токтоп калды, босогодон ата-энеси кирип келе жаткан эле…

Аларды көргөн Бекмурат дагы жашын аарчый ары карап кетти. Айзаттын кан басымы түшүп отуруп канчалык врачтардын караганына карабай төрөгөнүнө он күндөн ашканда көз жумуп кете берди, Бекмурат чиедей төрт бала менен калды, ойлонуп отуруп: "Беку, апам түшүмө кирип сени мен өзүм алып кетейинчи балам, жүрү кетели, - деп колумдан жетелеп кетип жатыптыр", - деген Айзаттын сөзүн эстеп шолоктоп ыйлады: "Апакем ай, Айзатты өзүң алып берип мага дагы ыраа көрбөдүңбү, балдарым менен азап тартсын дедиңби", - деп ойлонуп турду. Кызын Умсун багып үчөө өзү менен. Кээ-кээде калссташтары менен достору көңүл айтып келип ичип ой санаадан арыла түшчү болду, кыркына аз калганда Калыбектин үй-бүлөөсүнүн башына дагы каран түн түштү, Тургун бир-эки күн мурун дагы беш миң доллар берип ийип: "Жакында барам, эми эч жакка чыкпайм", - деп эки ооз гана жазып берип ийген каты келген, үчүнчү күнү анын киши колдуу болуп өлгөнү дайын болду, чырылдап барып шаардан сөөгүн жүктөп келишти да өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей аны да жайына беришти. Аны кимдер өлтүргөнү белгисиз бойдон кала берди. Эки баласын кучактап Асылай жесир калды, үч баласы менен жалгыз тамда кирип-чыып малы менен алек болуп Бекмурат калды. Убакыт өзү тараза да, эмчи дегендей жылдыгы өткөндөн кийин Асылайды төркүндөрү алып кетмек болгондо ал болбоду, балдарын тага журтуна алып баргысы келбеди. Бекмурат Асылай менен жашыруун жолугуп бир күнү өз оюн айтты, экөөнүн сүйлөшпөгөн сөздөрү калбады, бирде ыйлап, бирде күлүп, бири-бирин каалаган эки жүрөк акыры бирге болууга сөз берип, бүтүм чыгарышты, бирок Калыбек менен Тумаркандан айбыгып жүрүштү, алар баласынын киши колдуу болуп өлгөнүнө кайгырып, кан жутуп отурушканда бул ишти угуу аларга оор тийээрин сезип Асылай ата-энесиникине кетип көпкө жүрүп калды. Эл деген буту менен баспай оозу менен баскан убак, бат эле алардын жолугушуусу жөнүндө сөз чыгып Тумарканга да жетти. Ал көпкө ойлонду да күйөөсүнө четин чыгарып өз сөзү кылып баштады.

- Ээ Калыбек, менде бир ой бар, сен кандай дээр экенсиң…

- Кандай ой?

- Тургундун өмүрү кыска болду, айла жок экен, келин болсо балдарга башка бирөөнү акыры ата кылат, жаш неме тийбей коймок беле, тийбе деп айта алабызбы?

- Эмне демекчисиң кемпир?

- Бекунун да аялы тигинтип балдары менен калды, Асылай башкага кетип калса балдар алыстап кетет, эгерде биз экөөнү баш кошторуп койсок кайра эле өзүбүзгө келин болуп балдар кашыбызда болобу дейм да, - деди муңайым, - Канболот менен Күнболот чоңоюп калды, Канболот быйыл окуйт.

- Ойлонуп көрө турган экен.

- Ойлогондо эмне, Бекуну чакырып сүйлөш, бир жарым жыл болуп калды, жалгыз байкушка кыйын болду, ал деле өзүбүздүн балабыздай эмеспи?

- Туура айтасың кемпир, балдар өзүбүздө болот, - деп Калыбек өйдө болду, - Мен Бекуга сүйлөшөйүн, үйлөнө турган оюу бар бекен?

- Сен айт, үйлөн де, ушинтип жүрө бермек беле?

- Макул кемпир, айтайын, - деп чыгып кетти, Тумаркан өзүнчө ойлонуп калды: "Туура эле болот, айлабыз канча, ырас эле башкага тийип кетсе Канболотум менен Күнболотум бөтөн бирөөнү ата деп, бөтөн элге эл болмокпу, андан көрө карасак да кашыбызда болот, кантсе дагы агасы эмеспи, кагып-силкпейт", - деп ойлонуп отуруп калды. Кабыргасын кайыштырган өлүм азасы бир топ аздырып оорукчан боло баштаган, улуу балдары-келиндери тез-тез келип көтөрүнүп ала келгендерин куран окутуп турушат, ыйлап-сыктаган апасын аяп, инисинин кимдердин колунан өлгөнүн билүү колдорунан келбей, өз түйшүктөрүнөн чыга албай тим болушат. Кечке маал Калыбек үйгө кирди:

- Ийи, Бекмурат менен сүйлөштүңбү? - деди Тумаркан.

- Ооба, ойлоноюн деди.

- Ал макул болсо сен экөөбүз кайра эле кудага баралы да сүйлөшүп экөөнү баш коштуруп коелу, - деп кудуңдай карады күйөөсүн.

- Ооба, ошентели кемпир.

- Ата-арбак дагы ыраазы болоор, илгертеден салтта бар эмеспи, жеңени кайниге нике кыйдырган.

- Бар дечи, экөө жашай алышаар бекен?

- Экөө тең башынан оор кайгыны өткөрүштү, кучагында балдары турат, жашабаганда кантет, баш ийишет да жараткандын буйругуна.

- Ошондой эле болсун, жамандарым колубузда болот, кантейин кемпир, балаңдын акча жөнөткөнүнө караганда жаман ишке урунуп алган окшойт, ошолор эле түбүнө жетти го? - деп үнү кардыга оор дем алып отуруп калды.

Бекмурат кубанып турду, ал Калыбектен муну күткөн эмес, андан уялып жер карап отуруп укту, анан сыртка чыгып эки жакты карап ойноп жүргөн балдарын көрүп: "Өлгөн өлдү, эми тирүү жан биздин дагы жашообуз бар, Айзат кечир мени, сени жоготуп алам деп ойлогон эмес элем, балдарымдын энеси, кыз алган жарым элең, ыраазы бол мага, балдарың үчүн мага ыраазы бол", - деп ойлонуп ары-бери басып жүрдү. Көп өтпөй эле Калыбек менен Турмаркан Саматбектин үйүнө барып сүйлөшүштү, андан Токтогулдукуна барып шартты түшүндүрүштү, алар эмне кылмак, макул дегенден башка сөз айта алышпады, Гүлзар басып, чулдурап сүйлөп калган, аны көргөн Тумаркан үйүнө келе жатканда күйөөсүнө:

- Ой Калыбек, кызды көрдүңбү ыя, Гүлүйпанын өзү го? - деди таңгалганын жашырбай.

- Ырас эле, тим эле куюп койгондой.

- То-оба, эми так сүйлөөр бекен ыя?

- Ким билет?

- Айланайын, мындай шумдукту ким көрүптүр, мынча окшоштукту көргөн эмесмин, оозу-мурдунан түшө калгандай экен шумдук, - Тумаркан сүйлөп жатып жакасын карманып койду. Арадан эки жума өткөндө Бекмуратка Асылайды алып берип нике кыйдырышты, ошентип арзышкан эки ашык ортодон аза тартып, балалуу болгондоруна карабай баш кошушканына ыраазы болуп бактылуу ата-эне болуп алты баланы асыроого киришишти. Алардын ар бир күнү майрамдай болчу, таң эрте Асылайды төшөктөн тураарда аймалап жатып ойготот, Канболот менен Күнболот чоң атасынын үйүндө болушат көбүнчө, күндүзү кечке ойноп кечинде кетип калышчу. Тумаркан бир күнү алардын үйүнө келе жатып Асылайдын шаңкылдап күлүп жатканын угуп токтой калды, анткени ал анын күлкүсүн алты жыл колунда жүрсө дагы укпаган, кабак ачып жаадырагн жүзүн көргөн эмес, акырын караса крандагы сууну Бекмурат экөө чачышып ойноп жатыптыр: "Шордуу балам, ушунун өзүнө жасаган муздак мамилесинен эле шаарга кетип калды, көрсө элдин айтканы ырас тура аттиң эми эмне кыла алмакмын, неберелерим маңдайымда болсо болду", - деп көз жашын сыга артына бурулуп кетти. Уланбек болбурап өтө жоош, Уларбек чакылдап тың, Турары азырынча эчтекени билбейт, Күнболот менен Канболот чыр, бир нерсени талашып ыйлап, чырдашып жатып калат, Гүлзарды дагы алып келип алышкан. Экиге чыгайын деп калган кыз сүйлөп алар менен жыгылып-туруп ойноп жүрө берет. Асылай баарын бирдей көрөт, Күнболот бир күнү Уларбек менен уруша кетип:

- Апа эй кетеличи, биерде эмнеге жүрөсүң? - деди мурдун шыр тарта.

- Балам, сен чоң атаңа бара гой, мен кийин барам, - деп күлдү Асылай.

- Жо-ок, кетебиз азыр, Улар мени менен урушат экен.

- Силер урушпай жүргүлө дебедим беле?

- Өзү эле урушуп жатпайбы?

- Күнболот, сен жакшы баласың, мен Уларды сага мындан кийин тийбе деп айтам макулбу? - деди Бекмурат анын башынан сылай, - Сен акылдуу баласың да, силер тууган болосуңар, урушканыңар болбойт.

- Өзүчү анан…

- Эмне деди?

- Апаң менин атама тийип алды, сенин атаң жок дебедиби, өзүнүн апасы жок го? - деп ыйлап айтып жатканда Бекмурат менен Асылай бири-бирин карап туруп калышты.

- Ошону үчүн урушпагыла, силердин атаңар, булардын апасы асманга учуп кеткен, алар карап турушат, урушканыңарды көрсө капа болушат, - деди Бекмурат жылмая, - Атаңды жакшы көрсөң аны капалантпай, балдар менен урушпай жүр, Улар келсе ага дагы ушинтип айтам макулбу?

- Маку-ул, Күнболот жеңи менен мурдун аарчып алып Бекмуратка карады, - Эмнеге атам асманга учуп кетти эле?

- Аякта иштери бар тура, силерди карап жүрө берет, ошол үчүн силер жакшы бала болушуңар керек.

- Жакшы болсо асманга учуп кетеби?

- Атаң абдан жакшы киши болчу, - деди Бекмурат ойлуу Асылайга жүзүн буруп, - Туурабы Асыл?

- Ооба, жакшы киши болчу.

- Анда мен дагы жакшы бала болом, анан асманга учу-уп кетип калам, - деп Күнболот мулуңдай апасын караганда ал жетип келип кучактап өпкүлөп ийди:

- Жок-жок уулум, антип айтпа, сен менин гана маңдайымда бол, аман жүр садагам.

- Эмнеге, атамдын жанына барбайынбы?

- Кой анте көрбө, сен кийин жакшы адам болуп чоңоесуң, акылдуу болосуң, сен менин гана жанымда бол, бас үйгө кирели, - деп уулун көтөрүп алып Асылай үйдү көздөй басканда Гүлзарды көтөрүп Бекмурат анын артынан жөнөдү.

- Ата-ата апечи, апечи! - деп Гүлзар бирдемени көздөй колун сунуп чулдураганынан караса жердеги топту көрсөтүп жаткан экен.

- Кызым топ ойнойт экен да, - Бекмурат күлүп топту алып берип, - Канболот, Улан, Улар баскыла, Турарды ала келгиле! - деди ойноп жүргөн балдарын чакырып. Алар келгенде Уларды какыс-кукус кылып тилдеди ал.

- Ата, мен эчтеке деген жокмун, - Улар дулдуя жер карады, - Өзү эле мени уят сөз менен сөкпөдүбү.

- Ал сенден кичине, унчукпай жүр, силер бир туугансыңар да, уктуңбу балам.

- Мен эмес, Сатымкулдун баласы силер бир тууган эмессиңер деген, ошого эле өзү…

- Болуптур, сен экинчи урушпа ээ?

- Ооба, мен эч урушпайм.

- Колуңарды жууп келгиле, тамак ичесиңер, - деди эле баары чыгып колу-бетин жууп келип отуруп калышты. Күнболот менен Улар кайра эле ойноп кетишти, алар кек сактай турган куракта эмес эле, эми эле болуп өткөн окуяны көз жашы кургаганча унуткан балалык да. Андан кийин Асылай экөөлөп акыл-насааттарын айтып бири-бирине тирешкенин койдурду, бара-бара алар көнүшүп урушпай ынтымактуу болуп, улуусун кичүүсү угуп, мамыр-жумур болуп баратышты. Жыл айланып Асылай кыз төрөп алды, ал кызынын атын Дилбар коюшту, Гүлзар такылдап үчкө чыкканда сүйлөп калды. Бир кызык жери ал үйүнө киши келгенде жаман ойлуусун да, жакшы ойлуусун да билип койгонун байкап калышты. Бир жолу коңшуларын чакырып жээнтек берип жатканда келген элдин ичинен кээ бирлерин көрүп бетин басып калып жаткан. Алар кеткенден кийин Гүлзар:

- Жанагы киши жаман экен, - деди.

- Кайсы киши? - Асылай кимди айтып жатат дегендей көңүл бура карап калды, - Эмнеге анттиң кызым?

- Апа, ал жаман киши, эйтең уйду уйда-айт.

- Эмне дейт? - Бекмуратты карады.

- Бала да, сүйлөп кое берет.

- Билбейм, - Асылай унчукпай калды. Айткандай эле эртеси алар катуу уктап калганда алардын бооз уюн таппай калышты, тызылдап эки жактан издегени менен табылбады, бирок Гүлзардын айтканын унутуп калышкан эле, арадан көп өтүп кеткен, ойноп жүргөн кыз жүгүрүп үйгө кирди:

- Апа, апа кайачы, оногу кишини, кайасаңай тигине!

- Ким экен? - Асылай ошондо баягы күнкү сөзүн эстеп алып отурган кызын жаткыра коюп жүгүрүп чыкса үстүңкү көчөдөгү коңшучу менен чоочун адам сүйлөшүп туруптур.

- Апа, апа, тигил жаман киши, уйду апкетти! - деп сөөмөйүн тигил экөөнү көздөй сереледи.

- Койчу кызым, антпей жүр ээ? - деп Асылай кызды колунан жетелей кирип келе жатып артына караса алар аны узата карап турушуптур.

- Эмне деп жатат, кимди айтып жатат? - деди бейкапар Бекмурат.

- Билбейм, чулдурап эле жатат, ушу бирдеме билеби дейм.

- Койсоңчу, бала да, - деп койду Бекмурат.

- Ошентсе дагы айтканы келип жатпайбы? - деп отурганда коңшусу Анапия келип калды, ал өздөрү курду, күйөөсү мал алып саткан неме.

- Кандай Асылай? - деди ал күлүп-жайнап учурашып.

- Кел, кудайга шүгүр жатабыз, өзүңөр көрүнбөйсүңөр да?

- Биз деле ушул, балдар менен үйдөн чыкмай жок.

- Сапар иштеп жатабы?

- Ооба, иштебей анан, ала коюп, сата коюп иштемей, баса уюңар табылдыбы ыя?

- Кайдан, жоголду ошо бойдон.

- Тилеги каткан дагы бирөө аш кылып кетти окшойт.

- Эмне кылабыз, аргабыз жок, бала-чакабыз, өзүбүз аман болсок башкасы табылаар, - деди Асылай.

- Ай мени укчу, тиги Апсаматты билесиңер да, камазы менен шаарга мал ташыйт го, ошонун үйүндө бир киши жүрөт, ошол шектүү киши көрүнөт, - деп Анапия шыбырап койду, - Апсаматты элдин баары эле уурулук менен байып жатат дешет, ошондон күмөнүм бар, ал келгенде эле айылдан бодо малдар жоголуп турат имиш.

- Ырас элеби? - деген Асылай Бекмуратты карады, - Чын эле ошондой бекен ыя?

- Ой элдин оозун ким тыят эле, баары эле айтып жатышат.

- Көрбөгөн соң айтуу кыйын, - Ошол убакта сырттан Гүлзар кирип келип Анапияны карап саамга көздөрүн бакырайтып карап турду да быйтыйган колдору менен көзүн калкалап бакырып ийди, аны Асылай кучактай калды.

- Кызым, сага эмне болду?

- Эжени бийөө алып кетем деп жатат, кетсинчи оногу эже.

- Кой кызым, үйгө келген кишини анткен болбойт.

- Аний, ана-ана бий киши аны каймап кетти! - ыйлап сөөмөйү менен босогону көрсөтө берди, Анапия эч нерсе менен иши жок эле отурган.

- Гүлзар, койчу кызым ыйлабачы, - деп Асылай сооротуп жатты.

- Кызым, сен жакшы кызсың го, ыйлабагын ээ? - Бекмурат дагы жанына келди, ошол убакта караган Асылай Анапиянын көздөрү бир кызыктай болуп, жүзү дагы суук көрүнүп кетти.

- Кой мен кетейинчи, тиги айылга бармак элем, силерди уюн тапты бекен деп эле кире калгамын, - деп Анапия тура жөнөдү.

- Ким алса дагы аш болсун, балдарым аман болсун, - деди Бекмурат анын кайра-кайра айтканын жактырбай.

- Бар да-а, ошону үчүн камырабайсыңар, жок болсо кандай гана тызылдайт элеңер?

- Тызылдап болдук, андан не пайда, арга кеткенде айткан сөз эмеспи, - деди Асылай Гүлзарды алдына алып отурган калыбында, Гүлзар ал чыгып кеткенче бетин ачпады, Бекмурат узатып кайра кирди да:

- Бу кызды жат кишинин жанына алып келбеш керек экен, - деп отуруп калды.

- Беку, чын эле ушу кыз бирдеме билет, этият болушубуз керек көп эле бирдемени айта берсе бирөө жарым эмне деп ойлойт, али төрткө толо элек, - деп Асылай кабатыр боло сүйлөдү, алар ошентип аркы-беркини сүйлөшүп, балдарынын кем-карчын толуктаганы Асылай райондун базарына бармак болуп жаткан, ошол убакта эле жакын жерден чуу этип өкүрүк чыгып калды. Бекмурат менен Асылай бири-бирин карай сыртка чыкса Сапардын үйүнө эл чогулуп калыптыр.

- Эмне болуп кетти, мен барайынчы, - Бекмурат алардын үйүн көздөй шашылып жөнөдү.

- Барып билчи, деги эмне болду экен? - Асылай анын артынан айтып үйгө кирип кетти. Көрсө Анапия коңшу айылдагы таежесиникине барып келе жатканда жолдон эки машина кагыша кетип Анапияны бири келип сүзүп кетип ошол эле жерден жан бериптир. Асылай жакасын кармап Гүлзардын айтканын эстеп: "Кудай сакта-а, бул кыз соо эмес, кишиге көрсөтпөш керек, эшикке дагы чыгарбайын", - деп ойлонуп базарга барбай калды, коңшу катары кирип-чыгып жардам берип жүрдү. Бекмурат эми гана бирдемени боолголоп: "Бул гүлдү асырап ал, мен сенин апаңмын, аты Гүлзар, Гүлзар, Гүлза-ар!", - дегенин эстеп турду.

Гүлзар өзү деле көп балдарга кошулбайт, агаларын ээрчип дарбазасынын эшигине чейин барат дагы ошол бойдон өзүнчө ойноп жүрө берет. Бир жолу Асылай колундагы кызын көтөрүп коңшу келин менен ар кайсыны айтып сүйлөшүп турган эле, жанында ойноп турган алты-жети жашар баласын бир карап алып:

- Эй сенин бутуң сынды, кайачы бутуңду! - деди колу менен көрсөтүп.

- Гүлзар, үйгө кирчи кызым, - Асылай чоочуп кетти.

- Бала да, - деп койду ал келин, Асылай аны ээрчитип үйүнө кирип кетти, эки-үч күн өтпөй эле Авиданын баласы өздөрүнүн машинасына чыгып кайра түшүп жатып катуу жыгылып шыйрагы чорт сынып кетиптир. Ошентип Гүлзарды эшикке чыгарбай калышты, бирок бала деген бала да, бара-бара үйдө отуруп бир нерсени айтса ошол туура чыгып калчу болду. Күн өткөн сайын тили буудай кууруп так сүйлөп, бирок тез токтолуп калды, бешке чыкканда ата-энесине бир күнү:

- Ата намаз окугула, мен дагы окуйм, - десе болобу.

- Эмнеге кызым?

- Намаз оку дейт мен дагы үйрөнүп жатам.

- Койчу, кимден үйрөнөсүң?

- Апа бар, мени дайым намаз үйрөн, - деп айтат.

- Мейли кызым, сен айткандай болсун, мен сөзсүз окуймун, - деди Бекмурат.

- Жакында биздин корообузда бир ак кой пайда болот, аны сойбогула, ал төлдөп көбөйөт, козуларын союп жесе болот, - деди чоң кишидей ойлуу тартып. Бекмурат анын айтканы менен намаз үйрөнүүгө киришти, Асылайдын эмчекте баласы бар болгон үчүн ал кийин окуйм деп ойлоп калды. Күн өткөн сайын Гүлзар түнт болуп баратты, айыл ападагы жамандык-жакшылыкты, оору-сыркоону билип кээсин айтса кээсин айтпай кыжаалат боло берет, кээ күндөрү "Напил" намазын окуп түнү бою уктабай чыгат. Бир жолу Дилбар тамтуң басып калганда апасына минтти:

- Апа, Дилбарды эки-үч күн жакшы карайлычы, - деди.

- Эмнеге кызым, кудай сактасынчы.

- Сактансаң сактайм деген да.

- Этият болсо бололу, - деп коркуп калды Асылай, Гүлзар деле аны карап турат, бир күнү ал намазга кирип кеткен, чыр эткен үндөн Асылай бакырып ийди, көрсө ал сайылып турган спиралга байкабай колун тийгизип алган экен, дагы жакшы ток түртүп катуу жыгылыптыр, эч жери күйбөптүр.

- Апа эмне болду? - деди намазын окуп болгон Гүлзар.

- Эчтеке кызым, токко урунуп ала жаздаптыр.

- Мейли, баары бүттү, ушуну өтүп кетсе деп жүрдүм эле, эми кырсык жок, - деп Гүлзар Дилбарды көтөрүп өөп кайра койду.

- Сен дагы жүрөк түшүрөсүң да балам, деги кантип билесиң буларды? - Асылай Гүлзарды кабатырлана карады.

- Апа, баары көзүмө көрүнөт, кулагыма угулуп эмне болоору дайын болуп турат.

- Кудай сактай гө-өр…, эми быйыл окуйсуң кызым, эмнени көрсөң айта бербе, көпчүлүк деген жаман, бири болбосо бири билип калып айта беришет, сен өтө жашсың.

- Негизгилерин, алдын ала сактап калууга боло турганын айтышым керек апа, мага ошондой эскертет, мындан кийин менден эчтеке сурабаңыз ээ? - деп күлө карап Гүлзар апасын өөп коюп сыртка чыкты. Асылай ойлуу карап калды: "Чыканактай кыздын ушуларга баамы жеткенин кара", - деп ойлоду. Гүлзар намазды окуп үйрөнбөдү, өзүнөн-өзү үйрөнүп беш убагын калтырбай окуйт, Бекмурат дагы окуп калган, кыскасы бул үй-бүлөөгө алладан бир ишаарат түшкөнүн сезишти, ошондуктан бири дагы ичкиликке жолобой карманууга өтүшкөн.

Жакын турган коңшусу Апсамат Бекмурат курду, жети баласы бар, ал алардын соода жасабай үйүндө отуруп эле байып жатканына таңгалып, бир жагы көрө албастык кылып жүрдү. Бир жолу балдарын карап жолдо турган Асылайды көрүп басып келди:

- Коңшу турган экенсиң?

- Турабыз, - деди Асылай да ага сүйүңкүрөбөй.

- Бекмурат көрүнбөйт да?

- Жайлоодогу малга көз салганы кеткен.

- Аа-а ошондой, Асылай мен сага бир жолукканы жүрдүм эле, - деп Апсамат Асылайга мылжыя карады.

- Неге?

- Билбейм, не десем экен, - Апсамат колдорун жанып алды да Асылайды не дээр экен дегендей карады, - Мен сени жакшы көрүп калдым.

- Мындай сөздү башкага айт, мен көчөдө жүргөн аял эмесмин!

- Кой-кой Асылай ачууланба, жүрөк каалоосун айттым.

- Жүрөгүңдүн каалоосун аялыңа айт, мен сенин эрмегиң болгудай теңиң эмесмин! - деп үйүнө карап басып балдарын чакырды.

- Эмне Бекмурат менден артыкпы? - деди Апсамат кычылана, - Керек болсо ал бергенди мен дагы бере алам.

- Башканын бергени мага арзыбайт.

- Уккам-уккам, экөөңрдүн сүйүүңөрдү, Тургун менен Айзатты өлтүрүп коюп максатыңарга жеткениңерди.

- Оозуң сасык жан экенсиң го, андан көрө аял болсоң болмок.

- Ушакты аялдар айтат, а мен чындыкты айтсам чыдай албай кеттиң го? - дегенде Асылай аны менен айтышып турууну эп көрбөй короосуна кирип кетти. Апсамат булардын жашоосуна бүлгүн салууну көздөп атайын ойлонуп калды: "Не болсо дагы силерди эки бөлө албасам эле Апсамат болбой калайын", - деп ойлонуп ары көздөй басты. Асылай үйүнө киргенден кийин отура албай кыжаалат болуп жатты: "Аларды биз өлтүрүп койдук беле, карасаң арам ойлуунун айткан сөзүн, же ушуну эл дагы айтып жүрдү бекен", - деп ойлонуп өзүн жаман сезип жатты. Эки күндөн кийин Бекмурат тоодон келип калды, окуу башталаарына аз калгандыктан балдарына кийим-кече алганга мал сатмак, алты баласынын кийим кечеси оңойбу? Алып келген малын байлап сыртта жүргөн Бекмуратка Апсамат келип учурашты:

- Ассалоому Алейкум кошуна.

- Аллеким салам.

- Көрүнбөйсүң, же коңшу болуп катышпайбыз.

- Кол бошобойт.

- Эртең менин туулган күнүм эле, коңшу-колоңдорду бир чакырып чай берип жакшылап отуралы дедим эле.

- Жакшы экен, куттуктайм! - Бекмурат колун кыса куттуктады, - Ылайым көп жаша.

- Айтканың келсин, эртең барып конок болуп келгиле.

- Жарайт, барбай анан, - Арам ою жок Бекмурат ага жадырай карады, - Сөзсүз барабыз.

- Ошону айтайын деп келгем, - деп Апсамат жымыңдай жолуна түштү: "Асылай барбайт, аны мен жакшы билем, силерди ажыраштырбасам элеби, тегеле эки эненин балдарын ынтымактуу кылып жашаганыңарды ошондо көрөм", - деп ойлонуп баратты. Эртеси дагы Апсаматтын баласы келип чакырып кетти, Бекмурат Асылайга карады:

- Асыл, коңшулар менен киришпесек болбой калат го, Апсаматтын туулган күнүнө барып келели.

- Сен эле барып кел, жаш балдарды ээн таштап экөөбүз тең кетип калсак болбойт го?

- Бир аз отуруп турушат, бат эле келебиз.

- Баргым келбейт Беку, өзүң эле барып келчи.

- Макул, көңүлүң тартпаса барбай эле кой, өзүм барып куттуктап коюп баса берейин, - Бекмурат унчукпай калды. Кечинде ал коңшусунун үйүнө жалгыз келип белегин берип бир аз отургандан кийин кетмек болду эле Апсамат менен башкалар дагы болбой коюшту. Эт желгенден кийин гана үйүнө жөнөдү, ал дарбазасынан кирип келе жатканда жарык өчүп калды, эшикке жакындай бергенде үйдөн чыккандай бир караан үйдү айлана жүгүрүп кеткенин көрүп артынан чуркап жеткенче дарбазаны тарс эттире чыгып кетти, Бекмурат дарбазага чейин барып эки жакты карап: "Ууруга келгидей мал жок азыр, үйдөн чыккандай болду ким келиши мүмкүн, мен киргенде жарык өчтү, Асылай башка бирөө менен жүрөбү, жо-ок андай болушу мүмкүн эмес", - деп сыртта башы катып туруп анан эшикти такылдатса ачык экен. Кирип жарыкты күйгүзүп аялынан бир өзгөрүүнү байкагысы келди:

- Уктай элексиңби?

- Дики ыйлап эми эле жаткамын.

- Эмнеге ыйлады?

- Билбейм, ысык өтүп калганбы, чырылдап эле ыйлап зорго уктады, кандай барып келдиң?

- Жакшы, кетейин десем коңшулар болбой койду.

- Мейли эми, коңшуларга аралашпаса да болбойт.

- Жаталы, эртең базарга эрте барам, - Бекмурат эч кандай шекти байкабады: "Кандайча болду, деги ал ким, эшиктин алдында эмне кылып жүрөт, балким үйгө ууруга киргени жүрсө керек", - деп ойлонуп жатып алып дагы ойлоно берди, бирок сыр түйүнү дагы канчага созулаарын билген жок. Асылай жаман ою жок эле күйөөсү кармалап киргенде:

- Беку, тынч эле жатчы, чарчап турам, - деди ары карап.

- Кантип, арзып алган аялым жанымда болсо жөн жата албайм го? - Болбой эле имере өзүнө каратып өөп өзү каалагандай, күндөгүдөй эле уйпалап кирди, - Сени сүйгөнүмдөн жинди болуп кете жаздадым, эми көңүлүм ток, өзүң жанымдасың, сүйүүбүздөн жаралган Дилбар кучагыбызда, мен бактылуумун Асыл!

- Ооба, мен дагы бактылуумун, Беку өтө эле минтпейличи, андан көрө амандыкты тилейли, балдарыбыз аман-эсен өсүп жетилип адам болушсун, - деди Асылай ага ойлуу, Бекмуратка анын ар бир кыймылы өөн учурады, ичинен ар кайсыны ойлоно берип колдору өзүнөн-өзү шалдая түштү: "Демек бул бирөөнү таап алган, мага көңүлү жок, мейли дагы байкап көрөйүн, канчага созулаар экен", - деген ойдо унчукпай жатып калды, Асылай арам ою жок кечке балдары менен алышып, үй түйшүгүн жасаганга чарчагандыктан уйкуга кирди. Ошентип алардын ортосунда көзгө көрүнбөгөн бир жарака пайда болду, аны Асылай байкабады, бир күнү ал атайын бир жакка кеткен болуп караңгы кирген кезде үйүн айланчыктап карап жашынып турду, ошол кезде баягы караан алардыкына киргенин көрүп үстүнөн кармап алууга ашыгып, ачуусу ушунчалык келгенинен мууну калчылдап эшигине келсе илинүү экен, катуу такылдатты.

- Ким? - деген Асылайдын үнү ичтен угулду.

- Ким болмок эле, менмин ач эшикти!

- Беку, - деп эшикти ачып ийген Асылай күйөөсүнүн түрүн көрүп чоочуп кети, - Сага эмне болду, деги жайчылыкпы? - деген Асылайды көкүрөккө түртүп ичке кирип бөлмөлөрдү карап чыкты:

- Кана, кайда каттың? - деп Асылайды эки карыдан ала силккенде анын көздөрү чакчайып кетти:

- Эмне деп жатасың Беку?

- Билмексен болбо, эми эле эшиктен бирөө кирди го, мени билбейт дебе?! - дегенде үнүн катуу чыгарып алды окшойт балдары туруп келип карап калышты.

- Ата!

- Ата…

- Киргиле үйгө! - деди өмүрү балдарына катуу айтпаган Бекмурат орой, балдары кирип кетишти.

- Беку, сен эмнени айтканыңды түшүнсөм буйрубасын, - деди Асылай ыйлап туруп.

- Апа, ата, - деди Гүлзар ошол кезде аларга жакындай, - Силерге атайын бирөөлөр чагым кылды, жеңилсеңер баарыбыз чилдей тарайбыз, бири-бириңе ишенсеңер анда өзүңөрдү кыйнабай ошол адамды кармаганга аракет кылгыла, - деди да бөлмөсүнө кирип кетти, Бекмурат менен Асылай тиктешкен бойдон туруп калышты.

- Кимди, кайдагы адамды айтып жатат бу кыз? - Асылай эчтекени түшүнбөй Бекмуратты карады эле, ал эч нерсе дебей кайра чыгып кетти, ошол кезде терезеден булардын эмне болуп жатканын аңдыган караан дарбазаны көздөй жүгүрүп чыгып кетти, Бекмурат анын кайда кирип кеткенин байкабай да таппай да калды. Ошондон кийин ал аябай түнт болуп кетти. Бул кезде Апсамат досуна:

- Азаматсың, сен мен берген акчаны актадың, эми бир ишти аткарсаң ошондо булар чар жайыт болуп чилдей тарашат, ошондо көрөм, - деди ойлуу.

- Бирок кызынын сөзү менен болсо алар ишенбейт, негедир кичинекей кызынын көзү ачыктай экен.

- Коркпо, биз баарына жетишебиз, башкысы мен сени ыраазы кылам, - деди Апсамат. Бул өзү менен бирге иштешкен адам эле, аты Садык, үй-бүлөөсү жок, машинасына жардам берип жүргөн. Ичкенинен улам үй-бүлөөсүнөн ажырашып күнүмдүк жеген-ичкенине кубанып жүргөн неме. Алар Бекмуратка көрүнүп коюп эле Асылай менен күйөөсү экөөнү уруштуруп ажыратканга аракет жасашууда, аялы болсо ушак таратып жүрдү, ал Асылайга али жете элек.

- Асылайдын үйүнөн күндө бирөө чыкканын көрүп Бекмурат жини келип жатыптыр, ойношу бар экен, - деди ал бир курбусуна Гүлай.

- Ай-ий ай, аларды бири-бирин сүйөт деп жүрүшчү эле го, сүйгөнү ошол болсо ишенип болбойт экен да.

- Сүйүү-күйүү деп, ал жарабаган эле кеп, сүйүү деген эриң болсо, балдарың бар болуп дүнүйө, акчаң болсо ошол сүйүү, калп эле сүйүү дешет да.

- Ооба десең, карды ач, кийими жыртык болсо сүйүп көрсүн, - деп Күмүш Гүлайды коштоду.

- Алардын колунда бар да, чоң ата, чоң энесинен калган малды күтүнүп кө-өп жатса сүйүшөт да, Асылай күйөөсү өлгөндөн кийин эптеп балдарынын жанында болгусу келип ойнош боло коюп эле тийип алды да.

- Ошону айтсаң, Бекмурат төрт бала менен калып айласы кетип турганда айласыз алды, - дешип эки аял аларды ушактап жатып калышты. Бекмурат бул түйүндүн сырын чече албай башы катты: "Ким эле бизди ажыратканга кызыгып турсун, жо-ок Асылайда бир сыр бар, балким ал балдарды ортого алып эптеп кутулду, мен бул бойдон калбайм, дагы байкашым керек, андай боло турган болсо катыны жок эле так өтөмүн", - деп ойлонуп күзгө карап, мал-жан тоодон түшөөр маал болгондуктан жайлоого кеттим, - деп дагы кетип бирок ал күнү кетпей үйүн акмалады, бул жолу досу Төштүктү жанына алып түндөсү карап турушту: "Мен же Асылайдын айыбын ачыкка чыгарам же мага душман болгон адамдын бетин ачам", - дедип досуна. Күүгүм кирген кезде дагы баягы караан дарбазадан кирип баратканын көрдү, ага Апсамат: "Бекмурат бүгүн дагы аңдыйт, колго түшпөгөнгө аракет кыл, сөзсүз аялынан күмөн санап урушушу керек", - деген эле. Акырын кирип босогодон эле карап тура берет, качан дарбазаны ачып кирип келе жатканда үйдөн чыккандай тамды айланып качып жок болот, азыр дагы даяр болуп турду, бирок жаман оюнда: "Келип кете бергидей эмне, мен деле эркекмин, үйүнө кирип ушунча болду бир зордуктап белимди суутуп албайынбы", - деген ойдо эшигин тартса илинүү экен, баягыдан кийин Асылай коркуп калган, Бекмурат ага эмне үчүн ачууланганын айткан да эмес, эшик такылдаганда босогого келип:

- Беку сенсиңби? - деди калтырай, ал кезде Бекмурат үй артынан айланып, Төштүк бир жагынан чыгып тигини качырбай кармоого даярданып келе жатышкан эле, тигил жаман оюнда аялдын лаззатын, кумар оюнун эстеп лаппизи ашынып Апсаматтын айтканын унутуп калды, Бекмурат менен Төштүк экөө эки жагынан карап туруп калышты: "Балким мамилеси болсо ачаар, акыры эмне болоор экен, Төштүктү бекер алып келген экенмин, эгерде экөөнүн сырын билсем өлтүрүп коемун, мындай кордукка чыдай албайм", - деп ойлонуп жатты Бекмурат.

- Эй ача бербейсиңби, - деди бир кезде Садык.

- Жогол бул жерден, сен кимсиң өзү, балдардын эсин чыгарасың, - деп Асылай ичтен үн салды.

- Балдарыңа билгизбей ача бер, эмне короп калат беле? - деди кызуу неме.

- Жогол дейм, сотко беремин!

- Ох-хо!

- Анда сени азыр бычак менен жарып салам, - деп Асылай жини келе ары жакка кеткендей болгондо жашынып турган жеринен чыга калган тигил экөө келип эшиктин алдынан оозун баса кармап калганда Асылай эшикти ачып колундагы бычакты шилтей бермек болуп тигилерди көрүп не дээрин билбей туруп калды.

- Беку, сен… сенсиңби?

- Ооба, - деди да Бекмурат Садыкты түртүп ийип тепкилеп кирди, экөө эки жактан тепкилеп киргенде өзүнө келе калган Асылай чырылдап ийди:

- Өлтүрүп коесуңар, ким экенин билип туруп эле милицияга бергиле.

- Өзүм жазалайм! - Бекмурат ого бетер жиндене тепкилеп жатты, - Кана, сен кимсиң, эмнеге бул жерде жүрөсүң, айт дейм!

- Өлтүрө көрбө, мен сенин аялыңды жактырып калгамын, ошону үчүн келип жүрөм, көңүл каалоосуна сот жок иним, - деди өлө албай жатып дагы.

- Мына дагы, сен менин аялымды кайдан билесиң?

- Жолдон көргөмүн…

- Эн-неңди, бирөөнүн катынына көз салган кандай болоорун сага көрсөтөйүн, - деп тепкилеп туруп жакасынан эки колдоп кармап тургузду да кулак түпкө бир урду, - Дагы келесиңби?

- Жок-жок, экинчи келбейм.

- Каерде жашайсың, үйүңө чала өлүк кылып алып барып таштайын, - деп дагы урду.

- Бекмурат, сен муну тынч эле кетиргениң болбойт, аз болгондо аяш менен ажырашмаксың, сени үй-бүлөөңөн ажыратмак болгон немени түрмөдө чиритиш керек, - деп Төштүк дагы бир койду.

- Эмне дейсиң Төштүк?

- Ооба аяш, ушунун айынан досум жаман абалда жүрбөдүбү, муну жөн койбош керек.

- Беку, сен мага ишенбей калдыңбы, күмөн санадыңбы менден?

- Азыр эчтеке айта албайм, - Бекмурат Садыкты кош колдой түртүп ийди, - Мен мунун ким экенин билишим керек! - деп дагы ич тушуна тээп жибергенде:

- Иним жан соога, мен өзүм келген жокмун, - деп башы көзүн калкалай канжалаган жерин бир колу менен калкалап, - Мени Апсамат жиберген:

- Эмне-е?! - Бекмурат таңгала жалган уктумбу дегендей карап калды, - Кайра айтчы?

- Мени ошол атайын жиберип акча төлөп берип жүрөт, сенин үйүңдү бузгусу келет, - деди Садык чынын айтып, - Эми ал дагы мени сабайт.

- Кызык, ушул сөзүң чынбы? - Бекмурат ишенбей кайра сурады, - Менин үй-бүлөөмдөн кандай зыян тааптыр ал Апсамат ыя? - Бекмурат Асылай менен Төштүккө карады, - Эмне үчүн ал мага мындай кастык кылышы мүмкүн?

- Андан көрө муну желкелеп анын үйүнө азыр алып барыш керек, чын-калпын билебиз, - деди Төштүк.

- Чын эле, - деген Бекмурат ачуусу келгендиктен эмне кылып жатканын баамдабай Садыкты малдай сүйрөп жөнөдү.

- Өлтүрүп аласың, кое бер өзү бассын.

- Өлбөйт!

- Кое бер, - деп Төштүк Бекмураттын карышкан колун чыгарып Садыкты бошотту, - Бас алдыга, сен өзүң Апсаматты чакырып чык!

- Ал мени күтүп турган болуу керек.

- Неге күтөт?

- Эмне болгонун билип турат.

- Эн-неңди! - деп Бекмурат аны артынан тээп жиберди эле ал көмкөрөсүнөн катуу жыгылды. Аны тургузуп Апсаматтын короосуна киргизип өздөрү каалганын артынан карап турушту, Садык Апсаматты терезесин такылдатканда эле чыга калды.

- Эмне болду, реакция канча градуска жетти? - деди ал Садыкка карап.

- Иш жаман Апсамат аке.

- Эмне, колго түштүңбү?

- Ооба.

- Акмак! - деп Садыкты бетке чаап жиберди, - Менин атымды атаган жоксуңбу айбан?!

- Атаган жок, атаганда эмне кылат элең? - деп Бекмурат чыга калды, - Өлтүрөт белең?

- Сендей адамды айылга жашатпай кууш керек, - деп Төштүк чыга калды, - Мындай ишти макулук жасабайт.

- Бекмурат, айланайын мени кечир! - деп Апсамат кетээнчиктей артына кетип дубалга жөлөнүп калды.

- Менде кандай өчүң бар? - деди Бекмурат маңдайына келип, - Кана айтчы Апсамат, мен сага эмне жамандык кылдым эле?

- Кечир Бекмурат, айыбымды тартайын.

- Сенин тартууңдун, мал мүлкүңдүн мага кереги жок, адамдан сендей акмак туулганына өкүнөм, сен дагы атасың, уул-кызың бар, ошолордун алдында сенин жүзү кара экениңди көрсөтөмүн! - деп эшигин такылдатканда аялы чыга калды.

- Эмне болуп кетти?

- Балдарыңды чакыр!

- Эмнеге?

- Атасынын кандай адам экенин билсин.

- Ой койчу айланайын, атасы менен ишиңер канча, жолуңарга түшкүлө, - деп Гүлай беттен алды.

- Чакырбайсыңбы, азыр күйөөңдү өлөрчө сабап туруп милицияга жеткирип салайынбы?

- Кайсы күнөөсү үчүн? - Гүлай акшыя карады.

- Өзү билет, - деди дагы төш чөнтөгүнөн эсеп-кысап кылып малын каттаган блокнотун алып чыкты, - Буга кылган ишиңди толук мойнуңа алганыңды жаз, Садыкка канча акча төлөгөнүңдү ачык жаз! - деп Апсаматка карматты.

- Эми Бекмурат жөн эле бүтүрбөйлүбү?

- Жок, мага далил керек.

- Алдыңа түшөйүн…

- Кереги жок, сен менден башканын дагы үйүн бузушуңа жол бербейм, - деп теке маңдайына келип көзүнө тике караганда үн дебей жазып берди, Бекмурат окуп көрүп жылмайып алды, - Мына сенин бүт малың дал ушуга кетсин, арамдан тапканыңды ушул кагаз үчүн төгөсүң! - деди Бекмурат, анан Садыкты күбө катары жаздырып алды: "Мен Ибраимов Апсамат Кадырбаевич, Үмөтбеков Бекмурат Аалыбаевичтин үй-жайын бузгум келгени чын, Казыбаев Садыкка он миң сом берип анын үйүн бузууга жөнөтүп жүргөнүм чын, эч себеби жок үй-бүлөөсүн ажыраткым келген, анткени ага көрө албастыгым бар болчу", - деп жазып берген. Садык дагы алган акчасы жөнүндө канча жолу барганын, аялынын тынчын алып күйөөсү экөөнү уруштурганын жазып берди. Эртеси Бекмурат өзү арыз жазып милицияга таштады да: "Менин тынчымды албагыла, бул боюнча териштирип жазасын бергиле", - деди да баса берди. Садыктын Бекмураттан жеген таягынын үстүнө Апсамат дагы сабады, экөө сурак берип жүрүштү, эл ичинде Апсаматтын кара өзгөйлүгү жөнүндө кеп тарап жерге түкүрүп жатышты. Асылай Апсаматты ичинен каргап жүрдү, анткени ал баягы өзүнө айткан сөзү үчүн ушуга барганын түшүндү.

- Асыл, мени кечир, - деди Бекмурат бир күнү.

- Өткөн өттү Беку, кыскасы ачыкка чыкканы дурус болду, ажыраштырып тынса кантет элек, анын айынан балдар ортодо кыйналмак, кудай жазасын берсин.

- Акмак боло жаздадым, сенден күмөн санаганымды айтсаң өзүм уялып турам.

- Сенин ордуңда башка эркектер да ошентмек.

- Билбейм, ошол күнү кандай болгонумду сезбей дагы калдым.

- Башкысы түшүнүштүк, очогубуз ордунда, баса Апсаматты соттойт бекен?

- Соттобосо дагы тапканын сорот, билесиң да милицияны, аларга шылтоо табылды дегиче өздөрү билишет, керек болсо күнөөсүзгө күнөөнү илип коюшут эмеспи? - деп күлүп Бекмурат.

- Өлүп кетсинчи Беку, балакет-салакетибиз ошону менен чыгып кетсин, куран окутуп ата арбакка куран окутуп коелучу, андан кийин түлөө өткөрөлү.

- Макул, туура айтасың Асылым, - деди Бекмурат, экөө эртеси эле даярданып жатканда Мадина күйөөсү менен алты жаштагы уулу менен келип калышты, ал Чүйгө турмушка чыкандан бери катышпай калган эле. Алар куран окутуп элди тараткандан кийин курбусун коноктоп калышты, бир кезде курбу өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту.

- Асылай, сени Бекмуратка тийди дегенде аябай кубандым, көрсө тагдыр экөөңөрдү сынап калчап көргөн экен да, бири-бириңе болгон сүйүүңөр өчпөгөн соң кайра кошуп койду, чынбы ыя? - деди Мадина күлүп.

- Ошондой го, кызык эле болду, эгерде экөөбүздүн тең үй-бүлөөбүз башка болгондо бири-бирибизди көргөндө улутунуп-умсунуп коюп, көз жашты көргөзбөй төгүп жүрүп өмүр өтө берет эле, Айзат менен Тургундун өмүрү кыска экен, - деди муңая Асылай…

Акылай күйөөгө чыкканына жети жылдан ашса дагы согончогу канабай жүрөт, Каныбек ага үйлөнөөрдө Арзыкан менен Суранбай абдан каршы болушкан эле, болбой эле үйлөнүп алган. Эми келини төрөбөй калганда баласына кейип кепчип жатты Арзыкан.

- Балам ай, өз билгениңди кое бербейсиң да, ошондо эле каршы болгонбуз, тилибизди албадың, эми жакшы айтып ажыраш, жашыңда бала-чакалуу болбосоң болбойт.

- Апа, мен Акылайды сүйөм, кетире албайм.

- Ушинтип жүрө бересиңби?

- Төрөйт, балалуу болобуз, атам экөөңөр жакшылап батаңарды бербедиңер, мен эми Акылайды алып шаарга кетем, - деп Каныбек ордунан тура калды, - Силер мага жакшылыкты каалабайсыңар!

- Тиги шүмшүк сени ошентип кайрап жатабы?

- Ал мага айтпайт, жаман ою жок.

- Ооба, тим эле кыйын аялың бар, сени жипсиз байлап башыңды имерип алган да, сен эчтекени баамдабай "чүйөм", - деп коюп анын көзүнүн агы менен тең айланып жүрөсүң, ал сүйүү эмес балам, дубанын күчү! - деп Арзыкан ачуулуу айтты эле Каныбек чыгып кетмек болуп эшикти ача бергенде Акылай кирип келе жаткан эле, - Ийи карасаң тим эле, качан болсо сөз тыңшап басып жүрөт бул, - деп Арзыкан ого бетер көбүрүп жабырып кетти.

- Апа, кечиргиле мени, мен өзүм кетем, балаңардын бала-чакалуу болушуна каршы эмесмин, - деп Акылай кийим-кечесин чогултуп чемоданына салып кирди.

- Сен эч жакка кетпейсиң, экөөбүз бирге кетебиз, мен бул жерде калбайм, - деп Каныбек дагы кийимдерин чогулта баштаганда Суранбай кирди.

- Эмне болду, кайда жөнөдүңөр балам?

- Биз кетебиз, - деп күңк этти Каныбек.

- Кайда? - Суранбай аялын ормое карады.

- Шаарга барабыз дейт, - деп күйөөсүнө жалтактады Арзыкан.

- Эмне бар экен шаарда?

- Иштейм, экөөбүздө тең диплом бар.

- Үйдөн качкандай жылаан чыктыбы, эч кайда барбайсыңар, - деди Суранбай, - Ашкан бүлөөбүз жок, ага-иниңердин баары өз-өзүнчө, силер бизди карап-багасыңар да, апаң экөөбүз эмне кылабыз силер кетсеңер?

- Ата, азырынча өзүңөр туруп тургула, бир-эки жыл иштеп анан келебиз, - дедп Каныбек, Акылай унчукпады, кийимдерин жыйнап бүтүп сыртка чыгып кетти, - Акылай төрөбөйт экен, апам кетир дейт, мен аны кетирбейм ата, чогуу кетем, - деди Каныбек ал чыккандан кийин.

- Сенин тилиңди тыя албадым го, эрте-кечи жок, акыры балалуу болот да, эмнеге эле балдарга асыласың? - Суранбай аялын акырая карады.

- Төрөсө жети жылдан бери төрөбөйт беле ыя, убакыт өтүп жатат, балаңдын да жашы өтүп жатпайбы?

- Буйруганы болот да, экинчи келин жөнүндө кеп кылат экенсиң менден бирди көрөсүң.

- Акылайды алам дегенде сен деле каршы болбодуң беле, эми жагып калдыбы?

- Ооба каршы болгомун, эми буларды ажыратканга сен экөөбүздүн тең акыбыз жок, - деп жинденип аялын урушуп жатты Суранбай.

- Ата, апамды урушпай эле коюңуз, биз шаарга барып иштеп, врачтарга көрсөтүп келем, балким врачтарга көрүнсө төрөп калаар, - деди Каныбек жер карай.

- Мейли анда, силердин жолуңарга тыйын дайындайын, - деп Суранбай дагы сыртка чыгып баратып Акылайдын босогодо ыйлап турганын көрүп, - Балам, апаңа капа болбо, үйгө кир балам, - деди кылчаңдай. Акылай басып кете албады, түш ооп кеткен эле, ата-энеси шаарда турушат, кечинде Каныбек экөө калганда:

- Каныбек, мен сага ыраазымын, мен үчүн апаңа жаман көрүнбөчү, - деди муңая.

- Акылай, мен сен үчүн баарына даярмын.

- Андай дебе, аял үчүн ата-энеге жаман көрүнбө.

- Жаман көрүп кайда бармак эле?

- Төрөбөгөнүм чын, алар сен үчүн кабатыр болушат, сен мени тоспо, мен кетишим керек, акырындап унутасың, менин да өз жашоом бар, бир күндү көрөөрмүн.

- Болбойт, мен сени менен кетем.

- Андай дебе Каныбек, ата-энеңден бөлө албайм, - деп муңкана ыйлап жатты Акылай, Каныбек аны сооротуп, экөө түнү бою укташкан жок, эртеси эрте турду да даярданып бир аз жүгүн таксиге жүктөп алып шаарды көздөй жөнөп кетишти. Адегенде батир жалдап туруктуу орун алган соң врачка көрүнүп жатты Акылай, баары сүйлөшүп алышкансып: "Төрөйсүң", - дешет. Акыры убакыт өтүп күз келип окуу башталганда мектепке кирип экөө тең мугалим болуп иштей башташты, бир айдан өткөндө Акылай Каныбекке:

- Каныбек, шаарда бир жаш кыз катуу чыгып жатыптыр, түшкө чейин эле көрөт экен, мен көрүнбөйүнбү, - деди.

- Жакшы билет бекен?

- Баарын айттырбай билет дейт.

- Барса барып келели.

- Мен суранып келдим, сен жумушта боло бер.

- Жок, мен сени менен эле барам, эртең түшкө чейин сабагым жок.

- Макул анда, экөөбүз тең даарат алып тазаланып анан баралы, дааратсыз кабыл албайт имиш.

- Жарайт жаным, ошол жаш кыздан эм түшүп калса ажеп эмес, - деди Каныбек дагы кубана.

- Ошентели, бул менин акыркы үмүтүм Каныбек, эгер мындан болбосо мен сенден биротоло кетем, айтпай кетем, сен табалбай турган болуп кетем, - деди Акылай ойлуу телмире.

- Үмүтүңдү үзбө жаным, биздин балабыз сөзсүз болот, мен сенден бала көрүп, сенин төрөгөн балаңды сүйгүм келет, башканын кереги жок, сен антип кете турган болсоң мени жолдон изде, бей-бечаранын арасынан изде, мен башка турмуш кургум келебйт, мени эл арасынан көргүң келбесе анда кете берүүңө болот, - Каныбек дагы капалуу аялын карады, - Мусаапырга тыйын берсең мени эстеп бер…

- Каныбек, андай дебечи, мен сенин бактыңды байлагым келбейт, кандай түшүнбөйсүң? - Көз жашын көлдөтө карады, - Сенин балалуу болгонуңду көргүм келет, алыстан көрүп бала кучактап бактылуу болгонуңду көрсөм дейм.

- Мен сенсиз бакытты элестете албайм.

- Эртең барып көрөлү, - деп Акылай улутуна жер карады, айтканы менен анын көнбөсүн билди, ошентип алар ары тартышып, бери тартышып жатып төшөктө өз-өзүнчө ойлонуп жатып уктап калышты, эртең менен эрте туруп жуунуп алышып, өздөрүнчө кудайга сыйынып алып жөнөштү. Ал жаш кыз Гүлзар болчу, ал ата-энесине: "Менин көп адамга пайдам тийиши керек, адамдар мени күтүп жатышат", - деп болбой шаарга келген. Келишсе ага көрүнө тургандардын кезеги көп экен, түштө зорго киришти, аппак кийинип теспе кармаган жаш кыз:

- Отуруңуздар, - деди көзүн ачпай, - Сиздер балалуу болосуздар, ата-энеңизден бата алыш керек, алар сиздер үйлөнгөндө ыраазы болушкан эмес экен, жаман нерсе жок, үч уул, үч кыздуу болосуздар, кудайым жардам берсин, - деп оозун кыбыратып бата кылды, - Бара бериңиздер.

- Рахмат, - дегенден башка оозуна кирбеген Каныбек Акылайды карады эле ал колундагы белендеп турган акчасын төшөк алдына коймок болгондо:

- Кереги жок, качан балалуу болгондо арбактарга атап, бей-бечарага бериңиздер, - деди да, - Кириңиз, - деди башканы чакырып. Каныбек менен Акылай сыртка ээрчишип чыгып көпкө чейин сүйлөшпөй келе беришти, өздөрүнчө ойго батып келе жатат, эмне деп, кимиси сөз баштаары белгисиз, маршруткага да түшүшпөдү: "Кызык, кантип билди, бизге ата-энемдин каршы болгонун, мынчалык көзү ачыкты көргөн эмесмин, жапжаш кыз айттырбай билгени кызык, же кечээ келип Акылай өзү баарын айтып кетти бекен", - деп Каныбек акырын аялын уурдана карады. Жок ал ойго батып алган, жер карап кетип жатты.

- Акылай, кандай кылабыз? - деди көптөн кийин Каныбек.

- Билбейм.

- Апамдарга баралыбы?

- Барып көрөлү…

-Эртең айлык тийсе белек-бечкек алалы ээ?

- Жок, бүгүн менин атамдарга барып алардан кеңеш сурайлычы, - деди Акылай.

- Макул, сен айткандай болсун.

- Ишенсе болобу?

- Билбейм, айттырбай билип койгону укмуш экен.

- Таңгалып турам.

- Акы да албайт экен, - деп дагы Акылайга кайрылды, "Балким кечээ келип жакшы төлөп коюп баарын айтып кеткендир", - деген ой башына келди.

- Элден сурап көрүш керек экен.

- Сурап эмне кылабыз, биз өз ишибизди кылалы.

- Макул, - деп экөө беш-алты аялдама алыска жөө келишти, батирине келген соң чай ичип алышып төркүнүнө жөнөштү. Атасы Курманбек абдан жакшы турушат, апасы Алтынбү мугалим, азыр пенсияда. Алар кыз-күйөөсүн жакшы тосуп алышты. Сүйлөшүп алардан кеңеш алды, Курманбек менен Алтынбү туура көрүштү. Акылай кубанып айлыгын алаары менен даярданды, кайната-кайненесине бир сыйра кылып алып айылга жетип келишти. Алардын келген себебин укканда Суранбай ойлуу уул-келинин маңдайына чакырып:

- Балдарым, ылайым курулуу шаарыңар бузулбай, учуңар узарып, коломтоңордон от өчпөй, үйүңөрдөн баланын ыңаалаган үнү угулуп базарга айлансын, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болуп жашоодо не тилесеңер кабыл болсун, Оомийин жылкынын пири Камбар ата, төөнүн пири Ойсул ата колдоп түбөлүк бирге бактылуу өмүр сүргүлө айланайындар! - деп алакандары менен жүзүн сылай.

- Ыраазымын ата, - деп Акылай жүгүнө арты менен жылып барып отуруп калды.

- Ата рахмат, - деп Каныбек дагы ыраазы болду.

- Биз силерге жакшылык гана каалайбыз да балам, силердин бала-бакыралуу болгонуңарга кубангандан башка не кылабыз? - деди Арзыкан шыпшына, - Кудайым тилеген тилегиңерди берсин айланайын.

- Айтканыңыз келсин апа, - деп Акылай кайненесине дагы ыраазы болду, үч күн бою жаны тынбай үйүн жыйнап, кир-когун жууп, тамдарды актап берип анан экөө шаарга кайтышты. Эки-үч күнгө суранып кетишкен эле, арадан бир жарым ай өткөндө Акылай класста сабак берип жатып көңүлү айнып кетип чыга калып туалетке кирип окшуп кусуп анан кайра класска кирээри менен эле коңгуроо болуп калды. Ошентип анын тамакка табити тартпай кыйналганда врачка көрүнүүгө барса анын боюнда бар экенин айтты эле, баягы кыздын айтканын эстеп жол-жолдо отурган бей-бечарага тыйын таштап үйүнө келип Каныбектин келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Тамак жасайын десе кускусу келип туруп алды, кечке маал үйгө келген күйөөсүн мойнунан кучактап алып:

- Каны, Каныбек сүйүнчү! - деп ыйлап да күлүп да жатты.

- Акылай, сага эмне болгон, сүйүнчүңдү берейин, деги айтчы ыйлабай, - деди Каныбек таңгала.

- Сүйүнчү, биз балалуу болобуз!

- Ыя, эмне дейсиң жаным? - деп Каныбектин көздөрү жайнап кетти, - Ырас айтасыңбы? - дегенде Акылай көзүнөн жаш куюла башын ийкеп тура берди, - Чын эле биз балалуу болот бекенбиз?

- Ооба, сегиз апта болуптур.

- Оозуңа май алтыным, - Каныбек келинчегин так көтөрө тегеренип кичинекей бөлмө ичинде айланкөчөк болуп жатты. Бул күн жубайлар үчүн эң бактылуу күндөрдүн бири болчу, ошондон баштап Каныбек аялын суу көтөртпөйт, жумуш жасатпайт, ал турсун сабактан нервиң бузулат деп иштетпей да койду, төрөөргө жакын өзү дагы жумушунан бошонуп айылга келишти, кайненеси мурдагыдай чүйрүңдөбөй келинине жумшак айтып, эне-баладай сүйлөшүп калды. Айы күнү жетип уул төрөдү, Каныбектин кубанычында чек жок, уулун колуна алып ары-бери көтөрүп карай берет, атын Акыл коюшту. Энелик бактыга туна уулун эмгизип Акылай андан бетер бактылуу. Ошентип Гүлзардын айтканы туура келип үч уулду катар төрөдү, Акыл, Бакыт, Ырыс койду аттарын, күндөр айга алмашып баягы баладан үмүтүн үзүп көңүлү чөккөн кездерин ойлонуп калат кээде.

- Акы, бактылуусуңбу жаным? - деди Каныбек бир күнү.

- Аябай бактылуумун, ушу балдарыма өмүр берсин кудайым, - деп ороодогу наристесин жыттап койду.

- Эми кете бер, - деди Каныбек тамашалап.

- Эми кет деп жетелеп чыксаң дагы кетпейм.

- Кетем дечү элең го?

- Каныбек, мени сенин гана мага болгон сүйүүң сактап калды…

- Биз бири-бирибизди сүйөбүз, мына таптаза сүйүүбүздүн үрөндөрү, силер бар мен бактылуумун. - деп наристеси экөөнү бирдей кучактап, алмак-салмак өөп коюп жатты. Ошентип ата-энесинин кашында болуп калышты, картайган ата-эне дагы неберелерин көрүп кубанычтары койнуна батпай эркелетип жан алы калбайт. Акыл абдан тентек, Бакыт жоош, Ырысы жаркылдап күлүп турат, кичинекей болушса да алардын мүнөздөрү даана билинип турчу.

- Акыл, келип бутумду тебелчи балам, - дейт Арзыкан небересине.

- Аний, - деп ары жүгүрүп кетет Акыл.

- Келе гой садагам, бутум ооруп жатат.

- Оойуп жатабы? - дейт кайра келип, - Каейиң оойуп жатат чоң апа?

- Бутум ооруп жатат кагылайын, - Арзыкан күлүп тизээсин көрсөтө.

- Учээң оойуйбу? - деп бытыйган колдору менен кармалап коет, - Тебелеп бейейинби?

- Ооба каралдым, тебелеп берчи.

- Мына, - деп чоң энесинин бутуна чыгып түшүп томолонуп жатты, аздан кийин Бакыты келет, жаңыдан басып жүргөн Бакыт чукулап кужураган болот. Суранбай анын жанына отуруп Бакытты алдына алып башынан жыттап койду, чоң энесинин бутунда жүргөн Акыл эми чоң атсынын бир тизээсине жармашты. Ырысы али ороодо, Акылайдын колу бошобойт, керээлден кечке кир жууп, тамак жасап, үй жыйнап жүрө берет, ал азыр чарчадым дебейт, бала төрөп эне болгонуна ыраазы. Каныбек мектепте иштейт, кээде эрте кетип түш ченде келсе, кээде түштө кетип кечке маал келет, иши оңолуп завучка көтөрүлдү. Кадыр-баркы көтөрүлүп баратты.

- Биздин атабыз бүгүн эмне иш кылды? - деди Акылай өз бөлмөлөрүнө киргенден кийин күйөөсүнө эрелкей, - Ишиң кандай мырза?

- Эң сонун, иштер абдан көп, бир мектептин жүгү оор көрүнөт, мурда завучтарды баарыбыз жаман көрөт элек, көрсө иши оор тура.

- Сен уят болбогондой иште, - деди Акылай күйөөсүнө жылмая карап…

Бекмураттын жашоосу ойдогудай малын кышы менен короого кармап, жайкысын кой кайтарганга берип акысын төлөп турат, быйылкы төлү абдан жакшы болгон, күз келгенде бир тобун, козу-улактарын сатып балдарына кийим-кече кылышты. Канболот менен Күнболотко Калыбектер деле алып берип турушат, быйыл дагы алып беришти, Тумаркан иши чыкса эле Асылайга жетип келет, ал анын айтканы менен болуп жардам берип турат. Калыбек аялынын ойлоп тапканына ыраазы боло бир күнү минтти:

- Ээ кемпир, дегеле акылыңа баракелди, Асылайды Бекмуратка алып бергенибиз жакшы болгон экен.

- Алып бере турган себеби болгон да чал.

- Кандай себеп?

- Бир себеп.

- Дагы эмнени ойлонуп таба койдуң?

- Ойлоп таппай - этпей эле.

- Анда эмне себеп болду?

- Бирдемени уксаң такып калмайың бар да, - Тумаркан күйөөсүн жактырбай чүйрүйө ары карады.

- Мен сенин ошол акылыңа келгенине кубанып отурбайынбы карачы балдарыбыз кашыбызда.

- Мени кубанбайт дейсиңби, куурагырым куурап жатып калды, катыны эрге тийип күнүн көрүп жатат, биз минтип өлбөй эле жашап жатабыз, "Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк", - деген ушул экен да-а, - Тумаркан эмшиңдеп ыйлап калды.

- Кантебиз кемпир, айла жок тура.

- Өлгөндүн артынан өлбөйт экен адам.

- Балдары турат, атасы жоктой кылбай ушуларды жакшылап өстүрөлү, Бекмурат деле жакшы киши болду, жалгыз бечара көрө берсин, - деди Калыбек, кемпир-чал уулунан кийин бир топ картая түшүшкөн, бири-бирине эш болуп неберелерин кубат кылып, улуу балдары алып келип бергенин жеп-ичип жашап жаткан учуру, өздөрүнүн колунда мал жок, балдарына берип коюшкан, - Кемпир Бекмурат менен Асылайды чакырып келе калчы, эртең бейшемби, Тургун менен атамдарга куран окутуп коеюн.

- Ошентели, менин түшүмө Туку кирип жатат.

- Эстегенге кирген го?

- Билбейм, үч күндөн бери эле кирет, - деп Тумаркан үшкүрүп койду, - Жеңемдер болуп жүрөт бир жерде, байкуш Айзатты да көрдүм.

- Кой кемпир, анда куран окуталы.

- Сен эле Бекуга барып келчи, боорсокко Асылай камыр жууруп койсо эртең эрте келип келиндер бышырып коет.

- Мейли барып келейин, - деп Каылбек туруп сыртка чыкты, эртеси боорсок бышырып кой союп жатканда Тумаркан жүрөгүм деп чыдай албай врач чакырып келгенче эле үзүлүп кете берди, союлган коюнун эти анын кара ашына буйруду. Үч күндөн соң аны да ээсине берип карыганда Калыбек жалгыз калды, кичүү уулу Аргын келип атасын карап калышты. Жашоонун бир кызык барагы ачылса, экинчи бети сөзсүз супсак болуп өмүр өтө берет экен, алтымыш алты жашында Калыбек кемпири өлүп жалгыз эч ким менен сүйлөшпөйт, жыл өткөндө Туйгун менен Аргын атасына аял алып бермек болушуп Бекмуратка келишкен, аны укканда ал:

- Коюңуздарчы, Калыбек атам ошого макул болобу? - деди.

- Карыганда эркек кишиге келини карай албайт экен да, айтып көрөлү, балдардын милдети үйлөн деп айтуу экен го? - деди Туйгун.

- Атам бизди укпайт, сен айтып көр, - деди Аргын.

- Мен кантип айтам?

- Ушинтип эле, аял алып берели де…

- Андан көрө теңтушу го, Токтогул кудаңарга айтып көрсөңөр, а киши мени укпайт го?

- Чын эле, тиги Аттокур ата деле бар го?

- Ошого айталы анда, - дешип Туйгун менен Аргын кайра кетишти. Бекмурат ойлонуп калды: "Келиндери карагысы келбей жаткан экен, эми кантип аял алсын", - деп ойлоп үйгө кирди, Асылай Дилбарды киринтип жаткан, балдары бүт мектепте, Гүлзар шаарда, тез-тез ооруй бергендиктен киши көрүп адамдарды караса жеңилдеп калчу болгон, сегиз жашында айылдагылардын баары аны билип калып келе бергендиктен Асылайдын сиңдиси келип калып аны шаарга алып кетип бир бөлмөсүн атайын жасалгалап берип жарнама кылып эл көрүп жүрөт. Кудаанын кудурети менен ал арабча жаза алат, быйыл ондо, кадимки токтоо адамдай жай сүйлөп ооруну так айтып, боло турган ишти алдын ала айтуучулук жагы таңкаларлык. Сырдыбай менен Селки эбак өтүп кеткен, балдары Бекмуратка каттап турушат, айрыкча Гүлзарды көрүшүп улуу агасы аябай таң калган эле. Гүлзардын көргөн кишилеринен эчтеке албаганы Күмүшайга жакпады, бир күнү кеч кирип келген элдин аягы тыйылганда:

- Гүлзар, сен эл көрүп чарчайсың, алардын оорусунан сен кыйналасың, акысыз эч нерсе болбойт, сага жүгү түшөт, азыр жашсың, суктанышат көзү түшөт, - деди.

- Эже, мен элди бекер көрүшүм керек.

- Жок дегенде бергендерин алышың керек.

- Макул, мен баары бир он алтыга чыкканда өлөм.

- Эмне? - Күмүшай чоочуп кетти, - Кой антип айтпа.

- Мейли эже, эс алайын, бир аз эс алып түнкү намазга турам, - деди дагы туруп кетти, Гүлзар өзү тамакты аз ичет, анан кайнатма ичет, жаш болуп бир нерсеге кызыкпайт, арабча жазылган китептерди издеп таап окуйт, Күмүшай анын тазалыгына кыйын таңгалат, керээлден кечке киши көрүп кайра кечинде бир аз шам-шум этип алып эле эс алат. Көрүнгөнү келгендер кийин экинчи, үчүнчү жолу келгендер колунан келгенин алып келип каргадай кызга ыраазылык билдиргенин айтпа. Ошол күнү бир кемпир көзүнүн шоросун куюлта:

- Садагаң кетейин кызым, үч балалуу кызымдын өлүү тирүүсүн билбей беш жылдан бери көзүмдөн жаш ордуна кан агып дайнын билбей жүрдүм эле, ошону билип бер, - деп ыйлап отурганда.

- Ыйлабаңыз эне үй-бүлөөсү менен жашаган үйүндө бир сарай турат, ошонун төр жагында чөп үйүлүү, ошону алып жерди казгыла, күйөөсү өзү өлтүргөн, - деди Гүлзар.

- Каралдымдан ошентип айрылган экенмин го кокуй! - деп эне талып жыгылды, аны эс алдырып кетиришти, андан он чакты күн өткөндө баягы кемпир келди.

- Кириңиз, күйөөсү кармалдыбы эне?

- Кайдан, мен жалгыз кемпирмин, кудай мага бир кыздан бөлөк берген эмес, күйөө баламдын кайда экенин дагы билбейм, үч баласын мага жолотпой алып кеткен, - деди да ыйлап отуруп түйүнчөгүнөн тутам акча алып чыкты, - Аруу жууп ак кепиндеп көмө албадым, шагыраган сөөгүн гана колума кармап көмдүм, арбагы тынч алгандыр, - деп үшкүрүп алды, - Ошондон көрө жашаарымды жашадым, мени алса кана, муну ошо кызымдын собуна калдың ошого алып кой кызым.

- Эне тим коюңуз, арбагы ыраазы болсун.

- Кой кызым, сен ыраазы бол, сен болбосоң кызым дагы канча жыл жатат эле…

- Кудай ыраазы болсун эне, - Гүлзар койгон жеринен акчага кол тийгизбеди.

- Көп жаша садагаң кетейин, - деп кемпир чыгып кетти. Күмүшай айткандан кийин элдин бергенин алып койчу болду, бирок ал акчаны колу менен кармабайт баарын Күмүшай чогултуп алат. Гүлзарды көп эл билип калгандан кийин тыным жок эле, кээде кеч келип жатып да калышат, алыстан келдик эле дешип, буту баспаган, көзү көрбөгөн, сүйлөй албагандарды алып келишет. Күмүшай эки баласы күйөөсү менен үч бөлмөлүү үйдө, аларга жакшы болду аз убакытта эле үй алмак болду, Бекмурат дагы кызына акча-тыйынын берип турат. Ошентип чыканактай жаш кыз элдин керегине жарап жатты…

Каныбек жашоосуна ыраазы болуп көңүлү тынгандан кийин пенделиги кармап көпкөнсүп баратты. Акылай балдары менен кайната-кайненесин карап иштей албай үйдө, ал күйөөсүнүн жумуштан келээрине тамагын даярдап, кийим-кечесин тазалап карап турат. Каныбек өзү менен иштеген Нарбү деген келин менен жүргөнүнө бир топ болуп калган. Нарбү бой келин, ата-энеси башка айылда, бир таанышынын үйүндө турчу, ал Каныбекке өзү тийишип туруп алды. Сыртта чылым чегип турган Каныбектин жанына келген Нарбү:

- Каныбек, эмнени ойлонуп турасың? - деди жылмая.

- Үйдөгү балдарымды.

- Аялыңды дагыбы?

- Албетте, аялымды биринчи, себеби ошол мотурайган балдарымды таап берген ошол.

- Сүйүп үйлөндүң беле?

- Ооба, неге кызыктың?

- Анткени мен сүйүүгө ишенбейм.

- Эмне үчүн? - Ошол убакта коңгуроо болуп окуучулар тапырап чыгып калышты, анткени ошол саатта алардын сабагы жок эле, экөө балдарга көңүл бурбай сүйлөшүп тура беришти.

- Себеби менин сүйүүдөн көңүлүм калган.

- Сүйгөнүң таштап кетти беле?

- Андай эмес.

- Анан эмне?

- Биз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз, анан…

- Каныбек сени директр агай чакырып жатат, - деп жаш мугалим келип калды.

- Азыр кирем, - Каныбек чылымын ыргытып ийип ичкери кирип кетти. Нарбү ойлуу туруп калды: "Менин сүйүүмө Арзыбек татыктуу боло албады, Каныбек токтоо жакшы жигит, мага жагат, үй-бүлөөсүн сыйлайт экен, аялы кандай бактылуу", - деп көпкө туруп анан конторго кирди. Ал күнү экөө жакшылап сүйлөшө албай калды, Нарбү аны акмалап эле турат, кайда болсо жалгыз турган жеринде пайда боло калат. Каныбек анын оюн деле билбейт, капыстан болгондой сезет. Бүгүн кайрадан экөө сүйлөшүп турушту.

- Канча балаң бар Каныбек?

- Үч уулум бар.

- Жакшы экен, окуп калдыбы?

- Жок, али жаш, улуусу беште.

- Кеч үйлөнгөнсүңбү?

- Кеч балалуу болдук.

- Оо, аялың төрөбөй жүрдүбү?

- Ооба, жети жылдан кийин…

- Ошого чейин чыдадыңбы?

- Эмнеге чыдабайм, аялымды сүйөм.

- Жакшы-ы, - Нарбү ойлуу туруп калды.

- Аа-а баса, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз деп жаттың беле? - деп Каныбек Нарбүнү көңүл кое карап калды.

- Ооба, бирок…

- Эмне болду эле?

- Биз бат эле ажырашып кеттик.

- Неге, сүйлөшүп баш кошсоңор.

- Билбейм, эки айдан кийин кетип калгамын.

- Сен сүйбөсөң керек анда?

- Сүйгөмүн, күйөөмдүн апасы бизди жашаткысы келбеди, күйөөм анын тилинен чыкпай калды, Каныбек каткырып күлүп кирди, Нарбү аны таңгала карап калды, ал токтобой боорун тырмап күлүп жатты, - Эмне болду сага? - Нарбү ыңгайсыздана карады.

- Эчтеке, - Каныбек колу менен оозун калкалап зорго күлкүсүн басты да, - Ой ал жөн эле мектеп да, силер алгачкы сабактан эле качкан турбайсыңарбы? - деди Нарбүгө карай, - Ата-эненин кээде ошондой сабагы болот, чыдаш керек болчу, - деди.

- Мен чыдай албадым, кирсем-чыксам эле ар нерсени сүйлөй берсе кантип чыдайсың, Арзыбек болсо апасынын сөзүнөн чыкпай калды, анан баса бердим.

- Арзыбек дейсиңби?

- Ооба, тааныйт белең?

- Мугалимби?

- Ооба.

- Фамилиясын айтсаң.

- Кудайбергенов.

- Ой ата, менин курсташым да, ал кайда азыр?

- Өзүнүн үйүндө.

- Каерден эле?

- Таластан.

- Кайра үйлөндүбү?

- Билбейм, менин кеткениме жети жыл болду, үйлөнсө керек…

- Да-а, жаман болуптур, жакшы жолдош элек, дурус жигит эле, тагдыр деген ушул экен да, бактылуу болсун, - Каныбек ойлуу бир аз турду да, - Кийин - кийин издешебиз деген эле, андан бери он беш жыл өттү, көрүшө элекпиз, - деди. Нарбү үндөгөн жок, жөн гана ушул сымбаттуу жигитти суктана карап турду, сезими толуп-ташып: "Неге менин тагдырыма ушул жигит туш келбеди экен, үй-бүлөөсүн сүйгөн эркек кандай жакшы, жок дегенде бир жолу бирге болсом арманым жок эле", - деп ойлонуп турганда Каныбек ар жактагы балдарга сүйлөп алаксып жатканда ал кирип кетти, ошентип алар мамиле түзгөнчө арадан көп убакыт өттү. Каныбек жумушунан чыгаары менен киоскадан гезит алып, балдарына конфет алат да үйүнө жөнөйт, томпоңдогон балдары жарышып чыга калганда колдоруна таттуусун карматып, экөөнү эки жагына көтөрүп үйгө кирет.

- Магачы, мага эмне алып келдиң? - дейт Акылай балдарын көрүп эркелей, - Мен дагы конфет жейм.

- Сизге жок, Бакыт менен Акыл анан таштайт, ошол сеники, - дейт Каныбек күлө.

- Жерде калганыбы?

- Ооба, - деп жубайлар бактылуу, Ырысы колунда, ал дагы талпынып калган. Күндө ушул көрүнүш, Суранбай менен Арзыкан уул-келинине ыраазы болуп бергенин ичип-жеп эртели кеч алкап отурат. Ырыс басып калган кезде Акылай кайрадан кош бойлуу экенин билип: "Эми кыз төрөйм го, айтканы туура чыкты, кудайым ошол жаш кызга өмүр бере гөр, менин өчүп бараткан үмүтүмдү жандырып, майсыз үлпүлдөгөн чырактын билигине май тамызып бакытка бөлөдү", - деп ар убак кичинекей көзү ачык кызды көп эстейт. Чынында анын атын да сурабаган экен, эмнеси болсо да жаратканга ыраазы. Каныбек сабагы бүтөөрү менен үйүнө шашат, сыртта турган Нарбү анын шашыла чыкканын көрүп:

- Сабагың бүттүбү? - деди.

- Ооба, сен кете элексиңби?

- Бир сабагым бар.

- Аа-а, - деген Каныбек жөнөй берээрде:

- Каныбек! - деди Нарбү артынан, - Токтой турсаң.

- Эмне болду? - Токтоп өзүн көздөй келе жаткан келинди карап калды.

- Эмне дээримди да билбей турам, мүмкүн болсо бүгүн меникине келип кетесиңби?

- Неге?

- Бүгүн менин туулган күнүм.

- Оо, куттуктайм! - Каныбек анын колунан кысып койду, - Туулган күнүң менен.

- Рахмат, келип чай ичип кет.

- Жарайт, - Каныбек артына кайрылып кетип жатып карап, - Кимдер болот? - деди.

- Курбум.

- Макул анда.

- Күтөм, - деген Нарбү кымылдап кала берди: "Сени имергенге жарайм, эркек качан өңдүү-түстүү келинден баш тартчу эле", - деп дасторкон даярдашты, ал курбусунун дагы жигит бар болчу, ал ошол эле мектепте тарых мугалими, эки курбу абдан жакшы кылып дасторкон даярдап жасанып-түзөнүп күтүп калышты. Кеч киргенде Каныбек Акылайга:

- Акы, бизде иштеген бир мугалимдин туулган күнү экен, барып келели, - деди.

- Жок, сен өзүң эле барып кел, мен балдарды таштай албайм, - Акылай болбой койду.

- Анда мен дагы барбайм.

- Ошо кантип болсун Каныбек, балдар чоңойгондо ээрчишип тойлорго, туулган күндөргө барабыз, ушул балдардын үнүн укканга зар болуп кандай күндү көрбөдүк, эми мен буларды таштап карыш чыга албайм, а сен барып кел, - деп Акылай күйөөсүнө галстугун байлап, бетинен өөп узатып койду. Каныбек Нарбүнүн жашаган үйүнө келди, ал келгенде Азимбек дагы бар экен, экөө учурашып бирге отуруп калышты. Нарбү шыңк эте күлүп чайдан сунса, Алина винодон куюп жатты, төртөө отуруп бир аз кызыганга ырдап киришти, Алина менен Азимбек кызыган соң башка бөлмөгө кирип кетишкен, Нарбү этеги жырык юбкасынан санын көрсөтө сүзүлө карап:

- Кел Каныбек алып отур, - деди.

- Нарбү, мен кетейин, дагы бир жолу туулган күнүң менен кеч болуп калды, бүгүнкү күн үчүн сага рахмат, - деп ордунан турду. Нарбү аны узатмак болуп кошо чыгып баратып жыгылып кетмек болуп баратканда Каныбек кармай калды.

- Башым айланып жатат, - деп Каныбекти кучактап калды, ал келинди кайра киргизип жаткырып чыкмак болду да колтуктап киргизип төшөккө жаткыра берип өйдө болгончо бекем кучактаган Нарбү, - Кучактачы, мени бир эле кучактап койчу! - деп кое бербей шыбырады.

- Нарбү, жатып эс ал, кызып калдың, үйдө аялым күтүп калды, мени кечир! - деп турайын дегенде Нарбү аны өзүнө карай тартканда үстүнө жыгылып, жыттуу атырдын жыты каңылжаарын өрдөп кызуу болуп араң турган жигиттин башын айлантып ийди.

- Качпачы Каныбек, кучактап койчу суранам, мен сени жакшы көрөм! - деп Нарбү шыбырап, жалынычтуу үнүн чыгара кое бербей жатты, - Бир эле кучактачы суранам Каныбек.

- Нарбү, уят эмеспи, мен сенден муну күткөн эмес элем, - деп турайын десе тургузбады, ичкиликтен зорго турган Каныбектин башын келиндин себинген атыры ого бетер айлантып келинди аймалап жатып: "Өөп койгондон эмне болмок эле, Акылай билбейт деле", - деп ойлонуп ан сайын өөп өзүн токтото албай калды, андан аркысын өзү да билбей калды. Көзүн ачса башка үйдө, жанында жеңил халатчан көкүрөгү ачылып Нарбү жатат, чоочуп кетип ыргып турду, өзүнүн жылаңач жатканын көрүп андан бетер башына ар кандай ой кетти, кийинип шашыла чыгып баратканда Нарбү.

- Кетип жатасыңбы? - деди уйкусурай. Каныбек уккусу келбей аргасыз.

- Ооба, - деди да чыгып кетти, Нарбү жаздыкты сыйпалаган боюнча: "Эми кантээр экенсиң, акыры торума түштүң", - деп жылмайып көпкө жатты да туруп мектепке даярданып жатканда Алина ички бөлмөдөн чыгып:

- Кандай эс алдыңар? - деди.

- Эң сонун, Каныбек эркектин эркеги экен.

- Ошондой де?

- Ошондой, түнү бою тим эле жыргатты, - деп Нарбү бактылуу жылмайып алды, - Эми ал менден кача албайт.

- Укмуш ай, Азимбек эрте кетти, байкуш ал аялынан кантип ажырашаарын билбей башы катып жүргөн кези, - деп Алина анын жанына отурду, - Неси болсо да экөөбүз бир эркин кушпуз да, каалаган бүркүттөрдү чаап алабыз, - деди алаканын жанып күлүп…

- Албетте, бизден кача албайт, - Нарбү ага карап каткырып калды…

Каныбек шым көйнөгүн түзөп, галстугун оңдоп тагынып, чачтарын сылап калыбына келтирип үйүнө шашып баратты: "Кечир мени Акылай, мен жаңылдым-жаздым, азгырылдым мени түшүнчү, экинчи мындай болбойт, балдарымдын сенин алдыңдагы күнөөм үчүн кечирим сурайм", - деп ар нерсени ойлонуп жетип келди. Эшиктен кирип келе жатканда Суранбай:

- Ой бала кайда жүрөсүң? - деди эле сөз таппай калды, - Ырыс ыйлап келин түнү бою кыйналып, түнү бою уктабай чыкты.

- Эмне болуптур? - дегенге араң жарады.

- Тил оозу чыга элек баланын каери ооруганын ким билет?

- Врачка алып барыш керек деп кирсе Акылай уктап жатыптыр, берки эки баласы дагы уктап жаткан.

- Тим кой, эми эле уктады, - деди Арзыкан.

- Мейли, мен мектепке кеттим, - деди да окуу-курал салынган папкасын алып чыгып кетти. Ооба, бала деген ыйык, тилеп-сурап алган бала арамдыкты жактырбай атасынын жаман жолго барганын сезип түнү бою ыйлаганын ал кайдан билсин. Ошентип ал мектепке келсе Нарбү дагы кирип келе жатыптыр:

- Сага миңден бир рахмат, - деди ал сырдуу жылмайып.

- Унут баарын, мен сени көргөнүм да жок! - деп терс бурулду Каныбек.

- Макул, сен мага капасың, бирок унутпа биз бирге болгон түндү, - деп коюп директордун кабинетине кирип кетти. Сабактары бүткөнчө абдан кыйналып жүрүп сабагы бүтөөрү менен үйүнө жөнөдү. Акылай балдарын жөжүрөтүп тамактандырып отурган.

- Келдиңби? - деди Акылай ага карабай туруп, - Туулган күн жакшы өттүбү?

- Абдан, - деп Каныбек чечинип үй кийимин кийинип отуруп калды, - Көп ичип коюптурмун, кыйналып жатам, - деди жер карап.

- Көп болдубу мугалимдер?

- Ооба, көп эле барышты.

- Жакшы болуптур, көптөн бери сен деле эки жакка барбай калдың эле, - деп Акылай жаман ою жок эле ички үйдөгү сервантынан стаканга арак куюп алып келди, - Муну атамдар жокто жутуп ал, эс алып каласың.

- Баш ооруп турду эле, - деп Каныбек эч нерседен капарсыз келинчегине ыраазы боло алып ийди.

- Ыссык шорподон ичип ал, - деп алдына тамак куюп койду: "Эчтеке билбей калды, экинчи мындайга барбайм, эч качан азгырылбайм", - деп ойлонуп тамагын ичип жатты. Суранбай уулунун кылымышын сезди, ал аны өзүнчө эшикке чакырып алып тилдеп жатты:

- Акылың барбы сенин, мына бул балдарды молдо-кожого барып жүрүп көрбөдүң беле, аялың бечара балдары үчүн чарк-көпөлөк айланып жанын берүүгө даяр болуп отурат, уялсаң боло!

- Иштешкендер менен барсам болбойбу?

- Бар, кайра тез баса бер, сен үй-бүлөөлүүсүң.

- Эл отурса менин кетем дегеним болбойт экен…

- Баса бер, эл катары берчүңдү бер, тамагынан ооз тий да баса бер, мындан кийин мындайыңды көрбөйүн, - деп ары басып кетти. Каныбек унчукпай үйгө кирип жатып алды, кечке чейин уктады, кечки тамакты даярган Акылай кирип ойготту:

- Туруп тамагыңды ич.

- Кеч кирип калдыбы?

- Ооба, катуу уктадың го.

- Түнү менен уктабай отурдук да.

- Жаман катуу даярдык көргөн экен.

- Ооба, курбусу экөө, - деп токтоп калды.

- Курбусу дагы иштейби?

- Жо-жок, анын үйүндө турат экен, - деди да сөзүнөн кармалып кала жаздап сыртка чыкканча шашты.

- Сулуубу коллегаң?

- Анын сулуусунун кимге кереги бар? - деп алып Нарбүнү көз алдына келтирип алды.

Акылай унчукпады, күйөөсүнүн жазгырганын сезди, тамактан кийин качан жагууга үлгүргөнү белгисиз сүлгү менен самынды берип мончого киргизди. Каныбек үндөбөй жуунуп чыкты: "Кудай өзүң кечир, атам айткандай балдарды кандай гана тилеп албадык, Акылайды өзүм кетирбей коюп эми аны алмаштырганым болбойт, мен бактылуу болуу үчүн үй-бүлөөмдү сакташым керек, ошондо гана толук бактылуу болом", - деп ойлонуп жуунгандан кийин ордуна жатып калды. Акылай унчукпай жатканда акырын колун арта салды:

- Акы, мага таарынбадыңбы?

- Эмнеге таарынам, балдардын атасына кандай аял таарынат?

- Кечир мени Акы, - деп кучагына кыса аялынын колтугуна башын катты, ошонусу менен дилиндеги өкүнүчүн, кетирген күнөөсүн, жаңылышканын бүт билдирип кечирип сурап жатты. Акылай да үндөгөн жок: "Эркек эмеспи, болсо болгондур, кызуулук менен башка аялга барса барды, анын эмнеси бар, чырактай балдарым үчүн мен кечирем, бул түбөлүк жарым, кудайым кошконум", - деп ойлонуп жатып күйөөсүнүн төбөсүнөн жыттады:

- Сен миң ирээт жаңылсаң да жарашат, анткени эркексиң, мен сени кечирбегенде кайда барам, болгону бир жаңылыштыгыңдын азабын тартпасаң болду.

- Кечир алтыным, шайтанга алдырдым, кызуулуктан билбей калдым, - деп аялына жаш кезде апасынын колтугуна жашырынып бекинчек ойногондой башын катып алып сүйлөп жатты, - Балдарымдын, сенин алдыңда күнөөлүүмүн Акы.

- Эчтеке эмес, биздин атабызды кыздар карай турган жигит, кыркка чыгып баратсаң да баягыдай жапжашсың, - деп Акылай көзүн жумганда мөлтүлдөгөн тамчы Каныбектин чачына тамып сиңип жатты, ошентип бири-биринен кечирим сураган жубайлар тунжурай түшүштү. Ошону менен бири-бирин түшүнгөндөй болушту. Андан кийин Каныбек Нарбүгө жолуккандан тайсалдап качып турчу болду, ага карабай эле алды артынан чыга калып сөзгө ала берчү болду. Бир күнү Азимбек ал чылым чегип турса жанына келип:

- Мен түшкөн тузакка түшкөн шекилдүүсүң? - деди.

- Кандай тузак?

- Келиндер тарткан тузак.

- Бир жолу байкабастык болду…

- Оо алар шумдук, - деди Азимбек түтүндү бурулдата үйлөп, - Чынында мага Нарбү жагат, Алинага капыстан чалындым, сага суктанам.

- Эмнесине? - Таңгала карады.

- Көп эркектер эңсегени менен жетпеген келинге жанашканыңа, - деди мулуңдай кытмыр караш менен.

- Ой койчу ошону, андан көрө өз аялым эле жетет, - Каныбек колун шилтеди.

- Сен энесинин эмчегинен чыга элек эле баланын өзү турбайсыңбы, аял деген эмне өзүңдүкү, качан барсаң даяр, башка аялдардын кылык-жоругуна батканың рахат эмеспи?

- Мен андайды каалабайм, туулган күнүм дегенинен эле бара калгам, - деп анын намысына тийе айткан сөзүнө кулак салгысы келбей чылымдын калдыгын ыргытып кирип кетмек болгондо:

- Каныбек, бүгүн Алинанын туулган күнү, экөөбүз бирге баралы, жалгыз коошпой жатам, - деди Азимбек, анткени аны Алина менен Нарбү атайын көндүрүп Каныбекти ээрчитип келүүсүн өтүнүшкөн эле.

- Жок, мен бара албайм.

- Азыр барабыз, кечке үйүңдө болуп каласың, алар бүгүн күндүзү эле тозушмак.

- Баары бир барбайм.

- Өкүнүп калба, сени эркек дейт.

- Эркек эле болсо эмне экен? - деп оройлонуп баратып Акылайдын: "Сен эркексиң, миң ирээт жаңылсаң да жарашат", деген сөзү кулагына угулуп кетип токтой калды.

- А өзүң канчадан бери жүрөсүң Алина менен?

- Бир-эки айдай болуп калды.

- Аз эле болгон тура, барбай койсоң болбойбу?

- Неге Каныбек, сен өзү жыргал деген каякта экенин билбейт окшойсөң, өз аялыңа караганда кылыктанып, сени көзүңдөн өөп, жасакерленип, тамактын жакшысын жалгыз сага арнап көзүн сүзүп турса жашоонун кызыгы ошол эмеспи? - деди Азимбек, - Үйүңө барсаң кайдагы жетпегенин айтып башыңды оорутат.

- Оорутса да үй-бүлөөдөн ашкан бакыт барбы?

- Аның го чын, бирок бир жаралып кайра өтөөр болгон соң жашоодо ырахат алуу да керек, өмүр кыска-а досум, өкүнбөстөй жашап өтүү керек билдиңби?

- Ээ башты оорутуп отурамбы, сабагым бүттү, үйгө барышым керек, - деп кабинетке кирмек болгондо Азимбек дагы токтотту.

- Ээ Каныбек, бир жолку сөзүмө кулак салчы, азыр эрте, бат эле келе беребиз, жүрү бир жолу барып келели.

- Ушу сен азгырдың да калдың, жарайт барса баралы, бирок көпкө отурбайм, - деп күлгөн Каныбек ичке кирип папкасын алып чыкты, - Эмне алып барабыз?

- Дүкөнгө бара көрөбүз да.

- Макул анда, - Каныбек бул жолу Азимбектин: "Энесинин эмчегинен чыга элек балага окшойсуң", - деген сөзүнө намыстанып кошулуп алды. Айткандай эле алар даярданып күтүп жатышкан экен, Азимбек менен Алина өбүшө учурашты. Баягыдай эле вино-арак менен суусундуктар, тамак-аштар, андан соң туулган күн ээсине каалоо тилектер айтылып отуруп күүгүм кирип кеткенин байкабай дагы калышты. Адаттагыдай Азимбектер башка бөлмөгө кирип кетишти.

- Нарбү, мен өткөндөгүдөй болбой кетишим керек, аядлымдын жүзүн карай албай жаман болдум.

- То-обо, аялыңды ошончолук сүйөсүңбү же коркосуңбу?

- Нарбү, андай дебе, мен аялымдын көзүнө чөп салганым үчүн өзүм уялдым, - деп тура калганда Нарбү:

- Каныбек, мага жок дегенде адамча караганыңа болбойбу, же мени бузулган аял катары кабыл аласыңбы? - деп колунан кармап калды, - Неге бир жолу карап, өз көңүлүң менен өөп койгонго жарабайсың? - Каныбек ага ачуулуу карай бергенде көздөрүндө мөлт-калт жаш турган экен, эчтеке дей албай жанына отуруп:

- Нарбү, мени түшүнчү, аялымды аябай сүйөм, анын үстүнө балдарыбызды зорго таптык, кесирим тиеби деп корком, - деди колун бекем кармап, - Мен азыр эрте барышым керек.

- Бир аздан соң барасың, көп кармабайм, - Келин анын көкүрөгүн ачып төшүнөн жыттап аймалап кирди, - Мен сени көптөн бери сүйөм, сени менен болууну каалайм, түшүнчү мени, көп кармалба, бир эле жолу…

- Нарбү…

- Жо-ок сүйлөбө, мен сени каалап турам, - Болбой эле чечиндирип жиберди, жүзүндө салаалаган көз жаш, Каныбек келиндин эркине көнүп берди, кагып-силке албады, заматта экөө ошол эле жерде аймалашып жатып калышты. Каныбек ишин бүтөөрү менен эле кийинди да чыгып кетти, үйүнө келе жатып өзүн-өзү сөктү, тилдеди, эл орунга отуруп калган кезде кирип келди, Акылай дароо эле анын көздөрүнө тигилди, ал көзүн ала качты.

- Кайда жүрөсүң? - деди Суранбай.

- Районго барып келдим, окуу куралдары боюнча.

- Иш менен жүргөндүр да, такый бергениң жаман, - деп Арзыкан күйөөсүн алая карады, - Кайда барса такыгандай жаш бала беле?

- Жаш бала болбосо дагы менин балам.

- Эми балаң эмес деп ким айтты?

- Контролдоп туруу керек, азыр заман олку-солку, кадам сайын кандай окуя болуп кетээрин ким билет?

- Кудай сактасын, - деп койду Арзыкан. Ошол бойдон эч кимиси үндөбөдү, Акылай деле унчукпады, жатаарда кичүү уулу Ырыс чыркырап ыйлап убара кылды, көптө барып анан уктап калды. Каныбек бул жолу аялына эчтеке дебеди, ары карап жатып алды, Акылай деле сүйлөгөн жок, ошентип аралары бир топко сууп барып анан Акылдын туулган күнү келип, кайната-кайненеси куттуктап келишкенде баары унутулду. Акыл жетиге толду, күздө окуйт, таята-таенеси машина алып келген экен Бакыт экөө талашып жатып калышты. Аны карап куда-кудагыйлар күлүп калышат, алар үч-төрт күн жүрүп анан кайтышты. Билинбей эле арадан үч ай өтүп кыш өтүп күз кылтайып келип калды. Нарбү бир күнү ага жолугуудан качкан Каныбекке кат берип ийди, аны Азимбек алып келип берди: "Каныбек, мени кечир, сүйүүнү мен таптакыр башкача сезгемин, көрсө сүйүү деген эки адамдын гана ортосунда ыйык сезими экен, мен сени сүйүп калып аракет кылганым менен текке кетти… Бирок мен сени өмүрү унуталбастай белек калды, ал менин боюмдагы наристе! Өзүм дагы билбей калдым, мындай болоорун билген эмесмин, бул менин өмүрүмдөгү катуу урулган сокку, берилген сабак болду. Мени түшүн, эми мен кантим иштейм, ата-энеме дагы бара албайм, аргам кетип алым куруп жүрөгүмө эч нерсе барбай отурган кезим. Өлөйүн деп өлө албадым, анткени жан кыюу оңой эмес экен, анан да ичимдеги наристени аядым. Мен бир пенде азап чеккен. Сүйгөнүмө жетпеген, Жашоомдо мен бактысыз, Алсыз жүрөк зырп эткен. Сени сүйгөн Нарбү. 2002-жыл 17-март", - деген катты окуган Каныбектин төбө чачы тик турду: "Демек менин балам анын курсагында кетип кийин "нокотек", - деген атка конобу, ай иттики эми кандай кылам, Акылай муну укса эмне дейт, үч баламды алып атасыныкына жөнөйт го, курсагында дагы турса, кандай кылам?", - деп ойлоп башы катып дароо Нарбү жашаган үйгө барды. Ал уктап жаткан жеринен туруп чыкты көрүнөт, барыгып көздөрү шишип чыккан. Ыйлагандай түрү бар.

- Нарбү, качан кайда кеткени жатасың? - деди Каныбек шашкалактай.

- Анын сага кызыгы канча?

- Андай дебе, сен көтөрүп жүргөн менин балам.

- Менин дагы балам.

- Ооба дечи, бирок баламдын кандай шартта, кай жерде экенин билип турушум керек, - деди Каныбек келинди карыдан ала жулкулдатып, - Кетпе, мен сага өзүм жардам берем, бул жерде бол.

- Жок Каныбек, кантип жүрөм биерде, эри жок боозуп алыптыр деген ушакка калыш үчүнбү, иштешкендерге кантем, сен эмне дейсиң? - Нарбү жаштуу көздөрү менен жалжылдай карады, - Сен ошого туруштук бере аласыңбы, туура кабыл алып баланы меники деп ачыкка чыга аласыңбы?

- Нарбү…

- Ооба-а, сен анте албайсың, үй-бүлөөңөн ажырап калуудан коркосуң, күнөө менде, өзүм кылган иш, өз башыма муш болду, эми бул баланы дайынсыз алып кетип жок кылам, бири-бирибизди кыйноонун кереги эмне, сен өз жолуң менен мен өз жолум менен кеткеним дурус, кет эми, кетип кал! - деп терс бурулду Нарбү.

- Нарбү суранам, баланы алдырба, кетпей тура тур, мени күт Нарбү! - деди да Каныбек кайра артына бурулуп үйүнө келди. Бирок эч нерсе деп айтууга оозу барбады, сүйлөбөй дагы туруп-туруп эле мелтиреп отуруп калган күйөөсүнө:

- Каныбек, сага эмне болду, ой басып калды да? - деди Акылай, - Каныбе-ек!

- Ээ-ээ-мне болду? - деп кайра өзүнө суроо узатты Каныбек чоочуй.

- Мен сенден сурап жатам, өзгөрүп кеттиң, сүйлөбөйсүң ачылып, менимче азыр сары санаадан арылгандай эле болдук го дейм?

- Койсоңчу Акы, менде эч кандай ой деле жок.

- Жо-ок, сенин жүрөгүңдө бир ой бар, санаа бар, сен менден жашырба, экөөлөп чечели, мен сен эмне десең баарына даярмын, балдарым гана жанымда болсо болду, башканын кереги жок, сен муңайба, сенин жүрөгүңдүн ооруганын каалабайм, - деди Акылай.

- Эмне деп эле жатасың, эмне сыр, эмне ой болмок эле, бир аз ооруп жүрөм, - деп койду Каныбек.

- Макул, оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген Каныбек, мен айттым, сен өзүң каалабасаң макул, - деди да Акылай сыртка чыгып кетти. Каныбек катуу ойлонду, арадан эки жума өтүп кеткен, Нарбүнүн кеткен-кетпегени менен кабары болбоду, ойлонуп мектепте деле жакшы иш алып бара албай жүрүп ооруп калды. Акыры бир күнү ал Акылайга түнкүсүн.

- Акы, мен сени сүйөөрүмдү билесиң, бирок мен дагы итчилик кылдым, бир жаңылыштыгыңдын азабын тартып жүрбө деген эмес белең, - деп оор дем алып алды да сөзүн баштады, Акылай үн дебей кулак төшөп жата берди, - Ошонун чындыгы мени кыйнап жүрөт, ошол аялдын боюнда бар! - деди.

- Ошондой болоорун билгем, - деди улутунган Акылай.

- Мени кечирээрсиң Акы…

- Эмне кылайын дейсиң?

- Ал кеткени жатат, биротоло кетет го?

- Каныбек, сенин минткениң жарабайт, - деди Акылай, - Бала деп эмне күндү көрбөдүк эле, ал дагы эне, балким ал аны алдырып коеор, балага убал эмеспи?

- Кетсе кетээр, башка эмне кыла алам?

- Жо-ок Каныбек, сен аны токтот, бетин ачып нике кыйдыр, аны да баланы да сакта.

- Кантип?

- Ушинтип эле, мен эми сени таштап кетпеймин, сенин балаңдын дагы бөтөн бирөөнүн колуна бараарын, же төрөлбөй жатып жок болушун каалабайм.

- Мен аны сүйбөйм Акы, ал мени өзү сүйөм деп азгырды, шайтандын иши болду…

- Актанган пайда жок, андан көрө ага баргын да айтканыңа көнөбү жокпу ошону бил, - деп Акылай күйөөсүнүн көзүнө карады, - Тур, барып сүйлөшүп кел.

- Акы, сен мени кубалайсыңбы?

- Кандай ойлосоң ошондой ойло, эмне болсо дагы барып билип кел.

- Атам укса эмне дейт, сабагандан кайра тартпайт го? - Каныбек кубанаарын же кайгыраарын билбей турду.

- Атамдарга билгизбей эле кой, ишти тез бүтүр, - деп аны Акылай шаштырып жатты, анын ушунчалык адамгерчилигине таңгалган Каныбек кийинип алып эл жаткан кезде Нарбүнүн жашаган үйүнө жөнөдү, кетип жатып ал бир сыр көрдү, үйүнөн эми эле чыкканда ачык турган күн жай баштап чарт-чурт эткен чагылган бут алдына түшкөнсүп басалбай кетээнчиктеп чартылдап, жар-журк эткен чагылгандын жарыгы көзүн уялтып бир жерден жыла албай койду. Анан артына кайрылып кайра үйүнө кирди, кийимин чечип илип жатканда:

- Эмнеге кайра келдиң? - деди Акылай алдынан чыгып.

- Күн жаап, чагылган чартылдап жатат, эртең эле сүйлөшөйүнчү.

- Күн ачык эле турбайбы?

- Өзүң чыгып көрчү, кийимим суу болуп калды.

- Кызык, эми эле жылдыз жайнап турбады беле? - деп сыртка чыгып кайра кирди да күлүп күйөөсүнө кайрылды, - Качан күн жаады, эч кандай чагылганы жок эле мемиреп турат го? - деп кайнаталары ойгонуп кетпесин дегендей бөлмөсүнө кирди, - Кантип калпты айттың?

- Жинди болбочу, курткамдын суу болгонун көрчү, - деп курткасын алып келип Акылайга карматты, ырас эле суу, бирок азыраак ным болуп калыптыр, Каныбек сыртка чыгып өзү таңгалды: "Бул эмнеси, эми эле чар-чурт этип бут бастырбай жатпады беле, жер деле кургак экен", - деп дарбазасынан ары чыгып караса дагы купкургак экен. Кайра кирсе Акылай дагы таңгалып отурган, экөө тең унчукпай жатып калышты. Эртеси мектепке барып мугалимдерге он мүнөт жыйын өткөрүп анан кабинетте көпкө ойлонуп отурду, негедир түндөгү көргөн сыры анын бутун тушап турду: "Мен өз колумдагы балдарымдын өмүрүн берсин, барбай эле койсомбу", - деп отурганда Азимбек кирди:

- Кандай шеф?

- Жакшы кел-кел.

- Сени Нарбү чакырып жатат.

- Неге чакырат?

- Кайдан билем?

- Болуптур, түштөн кийин барам.

- Болуптур, ортомчулугумду аткардым, - деди да Азимбек ордунан турду, - Тапшырма жокпу?

- Жыйынга катышпадың.

- Аны анан сүйлөшөбүз, сабагыма кирейин, - деп кабинеттен чыгып кетти. Каныбек Нарбүгө барса ал төшөктө жатыптыр, башын көтөрүп:

- Келдиңби? - деди.

- Эмне ооруп жатасыңбы?

- Жок, түндө ичим катуу ооруп боюмдан түшүп калды, аябай кыйналып калдым, эми дагы кан кетип жатат, Алина врачка кетти.

- Түшүп калдыбы, канчада?

- Түндө саат он-он бирлерде.

- Он бирлерде, - деген Каныбек таңгалып калды: "Түндө мен үйдөн чыкканда туура он бир болчу", - деп селдээ туруп калды. Ошол убакта Алина фельдшер-акушерканы ээрчитип келип калды, Каныбек сыртка чыгып кетти. Жарым сааттай убакыт өткөндө фельдшер-акушер минтип айтып аларды таңдандырды:

- Бала түшкөн эмес, менимче экөө болсо керек, сен шаарга барып УЗИге түшүп көрүн, бала чоңоюп баратканда козголуптур, - деди Нарбүгө.

- Экөөсү кандай, эгиз болушу мүмкүнбү?

- Ооба, кыскасы экөөдөй, иши кылса УЗИден аныкташат, өзүңүзгө этият болуңуз, канды токтотуучу укол сайдым, дарыны да унутпай чииңиз, - деп чыгып кетти. Каныбек эмне дээрин билбей тура берди, Нарбү андан бетер тунжурайт, чынында ал кыйналып жаткан.

- Эмне кылабыз, эми күйөө бала, Нарбүнү шаарга өзүң алып барасыңбы? - деди Алина Каныбекке кайрылып.

- Билбейм, жумушум кандай болоор экен?

- Иш эмне, биякта адамдын өмүрү кыл учунда турганын көрүп жатасың го, эртең районго алып барып көрсөтүп кел, минтип жата берсе өлүп калбайбы?

- Мен акчасын берейин, сен алып барып кел аяш эми, өзүң билесиң никелүү аялым болбогон соң эл эмне дейт, таксиге акчасын төлөп, керектүүгө дагы берейин, бир жакшылык кылып кой.

- Жарайт, мен курбум үчүн барайын, сени дагы түшүнөм, - деди Алина. Каныбек акчаны берип анан көпкө отурду, Акылайдын айтканын айтмак болуп айта албады. Анан үйүнө жөнөдү, ар кайсыны ойлонду, бирок Акылайга барганы, анын абалы жөнүндө ооз ачпады.

Калыбекке тели-теңтушу айтып, - деп жатып көндүрүшкөн, ал такыр болбой жатып анан аргасыз макул болду. Иликтеп отурушуп отуз бештердеги Айнагүл деген аялды алып беришти, Айнагүл шуулдаган ачык - айрым, шакылдаган сөзмөр, колунан дагы, тилинен дагы келген аял экен. Калыбекке келгенден бери келген кеткендерге Асылай чай куюп, үйүн жыйнап, жардам берип жүрдү, Туйгундун аялы менен Аргындын аялы чыртыйган немелер, Асылайды тамашалап коюп анча-мынча жардам берген болушат. Айнагүл келгенден кийин Канболот менен Күнболот кээде гана келип чоң атасынын жанында ойноп отуруп кайра кетип калчу болду. Бир күнү эшиктин алдында отурган Калыбек:

- Уулум, менин койнума жатпай кетип калдыңбы? - деди Күнболоттун башынан сылап.

- Чоң апам жок мине, жанагы аял жаман экен.

- Кой антпе уулум, ал дагы сенин чоң апаң болот да, - Калыбек күлүп калды, - Уулум азамат, мындан ары менин жаныма жатып жүр ээ?

- Ыкы, үйүмө барам, таң атканда келебиз, - деп күлүп коюп жүгүрүп кетти.

- Аай чал, неберең мени жамандап жатабы ыя? - деп күлүмсүрөй Айнагүл басып келди, - Кел бери Күнболот!

- Аний, сага барбайм.

- Кел эми, мен сени жакшы көрөм, кел конфет берем, болбосо азыр Турар менен Дилбарга, Канболотко берип коем, - деди чөнтөгүнөн конфет алып чыгып көрсөтүп, - Келе гой жейсиңби?

- Кана? - деп колун оозуна сала момпосуйду укканда карап туруп калды, - Мага кө-өп бересиңби?

- Ананчы, сага көп беремин, сени жакшы көрөм.

- Кана-а, - деп басып келди эле Айнагүл аны кармап алып өпкүлөп, жулмалап туруп анан чөнтөгүнө момпосуйдан толтуруп берип.

- Эми барып ойной бер, кечинде менин койнума жатасың ээ? - деди.

- Ооба-а, - деди да момпосуй салынгын чөнтөгүн кармап алып жүгүрүп кетти.

- Бала менен иттин күчүгү жакшы көргөндүкү да чал, мага капа болбо, балага анча жакын эмесмин, өзүм төрөбөгөнүмдөн улам салкынмын го? - деди муңая Айнагүл, эки күйөөгө тийип төрөбөгөн соң Калыбекке макул болгон, - Менин жолум кайыптан, жинди болгон зайыптан, - дегендей өзүм төрөбөй балалуу күйөөгө тийип көп эле бала бактым, айла канча-а.

- Капаланба, балдарды апасы бизге каратпайт, эрмек болуп эле келип кеткени болбосо, - деп Калыбек айтканда Айнагүл күлүп калды.

- Ой кокуй десе, баккандан коркпойм, өз балаң болбогондон кийин сүйлөсөң да өөн көрүнүп туруп алат экен, канчалык жагынайын десем дагы ушу балдардан улам күйөөдөн чыктым, ким эле жер которуп жүрүүнү кааласын.

- Капаланба, биздин балдар сен экөөбүзгө андай кылбайт, булар болсо жаш, - деди Калыбек, экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, анан түш болгондо үйгө кирип түштөнүштү, көп өтпөй Бекмурат Дилбардын тушоо тоюн берди, туугандары, дос-жоролору көбөйгөн убак. Апсамат милицияларга жылкы, кой берип жатып эптеп кутулган, айыл апа аны жек көрүп карап калышат, элден чыга түшкөн. Тушоосун кестирип анан чакырылган конокторун сыйлап, кечкисин достору калып ырдап, чордоп жатышканда сырттан Уланбек кирип:

- Ата, сизди чакырып жатат, - деди акырын.

- Ким экен?

- Чыксаңыз көрөсүз, - деп күлүп койду Улан, Бекмурат чыга калса Апсамат аялы экөө экен, тай желетеп, бир баштыкка майда-барат, кийит-кече көтөрүп алыптыр.

- Кел-кел Апсамат, адашып кайдан?

- Бекмурат, бала кезден коңшу элек, мени кечир, иттик менден кетти, кызыңдын тушоо тоюна ушул тайды кошумча кылып алып келдим, эл мазар, элден чыккан азар дегендей өзүм бушайман болуп жүрөм, - деди Апсамат.

- Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч, деген экен, кечирдим кошуна, бирок котур ташыңды таштай келдиңби? - деди Бекмурат күлүп.

- Жок-жок, жаман оюм жок, чын пейилим менен келдим, эл бололу, ынтымактуу бололу деген тилегим менен келдим.

- Андай болсо кел бери! - деп Бекмурат кучагын жая караганда ал дагы кучактап калды, экөө кучакташып туруп анан, - Эми үйгө киргиле, - деди Гүлайга кайрылып, - Кана коңшу, үйгө киргиле, - деди.

- Кой байбиче, кирбесек болбойт, - деп Апсамат аялына карады да босогону аттады, Бекмурат алардын артынан кирди, Асылай алар киргенде колундагы кармап турган тарелкасын аз жерден түшүрүп ийе жаздап күйөөсүн көрүп тим болуп калды, келгиле дегенде да жарабай делдейип турганда.

- Асыл, Апсамат коңшулар тойго куттук айтып келиптир, - деп жылмайганда гана:

- Келгиле-келгиле, - деди араң эле.

- Тоюңар кут болсун, кызыңардын боосу бек болуп, кадамы күлүк аттай арыштуу болсун Асылай, - деди Апсамат күлгөн болуп ыңгайсыз абалда.

- Айтканыңар келсин, - деди оозу бош Асылай, коноктордун үстүнө киргенден кийин Гүлай кызына көйнөк, балдарына дагы бирден көйнөк, таттуу-тарапа менен Асылайга жоолук салып, колуна көйнөгүн берди, Бекмуратка дагы көйнөк калпак алып келишкен экен, - Тим эле койсоңор болмок, - деди Асылай.

- Жөн койчу беле капырай, түбөлүк коңшубуз да, - деп Гүлай шыпшынып койду, Асылай анча сүйбөдү. Бекмурат гана бакылдап сүйлөп чай сунуп, "тигинден" куюп жатты.

- Алгыла коноктор, бүгүн жаман кызыбыздын тушоосун кестик эле, баарыңарда ушундай жакшылыктар боло берсин.

- Туура, бир-бирибиздин жакшылык-жамандыгыбызга ортоктош болуп жүрө берели, шылтоо кылып той бергенге балдар аман болсун, - деди Бекмураттын досу Эдил бак-бак эте, - Балдарды бизге "подарит" эткен байбичелер бар болсун.

- Туура-туура, - деп кубаттап калышты, Апсамат менен аялын сыйлап жатты, бир кезде достору кетмек болуп Апсамат дагы козголду эле аны отургузуп койду да конокторун узатып кайра кирди.

- Ээ Апсамат, эми сүйлө, өзүбек кетип өз калдык, - дегендей өзүбүзчө боорлошолук, талашалы-тартышалы.

- Тартышып-талашпай эле коелу, элдин жүзүн карай албай ансыз дагы уялып бүттүк, ак чөп башта, экинчи арам ойлоп жаман иш кылсам атама аякташып калайын, - деп Апсамат каргынып ийди.

- Карганга болбойт, мен кектесем жана эле айтмакмын, эч кандай жаман ой жок, Асыл жанагыдан алып кел эми, жакшылап коноктойлу, - деди эле Асылай коньяк алып келип койду, - Мени болсо билесиңер ичпейм, тойго келген киши кичине бакылдап кетет да, - Бекмурат стакандарга куюп сунду.

- Эми биз кемпирим экөөбүз ичебизби? - деп Апсамат күлүп калды, - Өзүңөр албасаңар.

- Бизге капа болбогула, шартыбыз ошондой, ичкиллик ичсек кызыбыз жактырбайт.

- Аны го түшүнбөүз дечи.

- Ботом Асылай алып койбойбу? - деди Гүлай.

- Мен дагы намаз үйрөнүп жатам, силер капа болбогула, - деп Асылай сыртка чыгып кетти. Жаңыдан тамак коюп, кайра-кайра коньяктан куюп туруп экөөнө көйнөк-көнчөк, Апсаматка костюм шым, Гүлайга пальто жаап узатышты. Алар кеткенден кийин Асылай менен Бекмурат Калыбек менен Айнагүлдү чакыртып келип төртөө отуруп сүйлөшүп жатышты.

- Балам, туура кылыпсың, - деди Калыбек, - Астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген сөз бар, ата-бабабыз кек сактаган эмес.

- Ооба ата, мен дагы ошону ойлондум, коңшубуз да, аталаштан айылдаш жакын дешет го?

- Сен эстүү экенсиң балам, - деп койду Айнагүл өзү курдуу болсо дагы Бекмуратка кайрылып, - Жамандык кылса өзүнө, таш менен урганды аш менен ур, - дейт го?

- Ооба, мени апам ошентип өстүргөн, бирөөгө ийненин көзүндөй ичиңди кара кылба дечү.

- Жакшы киши экен да.

- Оо ал киши Каныкейдей аял эле, болсо Каныкей ошончолук болгондур, кайраттуу эрктүү, анан өзү да сүрдүү болчу жеңем, - деп калды Калыбек, - Бизге абдан карачу, өлөөр-өлгөнчө баламды жалгызсыратпагыла, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгула, - деп айтып жүрүп өттү кайран киши.

- Бечара, баласынан кабатыр болчу экен да.

- Анан эмне, Беку анын жалгыз баласынан калган бала.

- Арбагы колдосун, апам абдан тың эле, менин эле келечегимди ойлонуп картайып кетти, - деп Бекмурат муңайып кетти.

- Балам, аман бол, өмүрүң узун болсун балдарыңдын ыраатын көр, өзүңөрчө бир чоң айыл болуп Аалыбайдын айылы дедиргиле.

- Айтканың келсин ата, өз атамды жакшы билбейм, чоң атамдан кийин сизсиз, - деп Бекмурат Калыбекке карады. Түн бир оокумга чейин отурушту, Калыбек аз-аздан ичип кое турган, Айнагүл экөөнө коньяктан куюп, эттен салып келип жакшылап коноктоп отурду, Айнагүлдү үйүнө чакыра элек болчу, кетээринде ага көйнөк, жоолук кийгизип, Калыбекке чапан жаап калпак кийгизди, ал батасын берип анан үйүнө кетишти. Алар кеткенден кийин Бекмурат дасторкондо отуруп ата-энесине куран окуп бата кылды да сандыктагы сүрөттү алып төргө кайра илип койду. Асылай үйүн жыйнап кеч жатышты, ошол кезде Гүлзарды эстеди, кеч жатып чарчаганга бат эле уктап кетти, бир кезде түшүнө төрдөгү илинген апасынын сүрөтү жерге түшүп келип: "Тез Гүлзарды алып кел, алып кел ооруп калды, аякка жибербей койсоң болмок, үйгө алып кел!", - деп ачууланып жатыптыр. Ойгонуп кетсе кара терге түшүп калган экен, Асылай аны түртүп ойготуп жатыптыр.

- Эмне болду сага, кыйналып жаттың?

- Билбейм, түш көрдүм окшойт.

- Булдуруктап эле сүйлөп жаттың го?

- Кайдан билем.

- Аябай чарчапсың, уктап эс ал.

- Эртең эрте барып Гүлзарды алып келейинчи.

- Мейли.

- Түшүмө кирип жатыптыр.

- Эстеп жатса керек?

- Ошенткен го?

- Өзүң дагы чарчадың, эртең жолдо кыйналасың, уктап эс алып ал, - деп Асылай кабатырлана айтты.

- Ооба, уйкуну кандырып албаса, - Бекмурат оңдонуп жатып калды. Эртеси эрте туруп машинасын айдап жолго чыкты, ал келгенде Гүлзар тил-оозу жок эчтеке билбей жатып калыптыр. Ооруканага алып бармак болду эле:

- Жезде, Гүлзар ооруп калсам ооруканага алып барбагыла деген, үйгө эле алып кетиңиз, - деди Күмүшай.

- Үйгө алып барганда болбойт го, врачтарга көрсөтпөсө болбойт.

- Кой жезде, өзү айтканын жасаңыз, көп киши көрүп катуу чарчады, үйгө эле кармаңыздар.

- Макул, - деди да машинасына Күмүшайды кошо отургузуп алып жөнөп кетти, үйүнө келгенден кийин дал ошол ата-энесинин сүрөтү илинген бөлмөгө жаткырышты. Эч нерсе ичпей, же көзүн ачпай жети күн жатты, жетинчи күнү көзүн ачып:

- Ата, ата эл башына күн түшөт, падыша качып кетип баш аламандык болуп калды, бийликке дагы башка ач көз адам көрүнүп жатат, ой-ой элге кыйын болду го? - деп тишин кычыратып, оозун кыйшайта жатып калды. Үрпөңдөшүп карап отуруп калганда Калыбек:

- Тим койгула балдар, өзү эс алат, кыйнабай тынч койгула, - деди.

- Эчтеке болбойбу? - Бекмурат чоочулай карады.

- Кудай сактасын, алланын өзү берген кудурет, өзү сактайт, укканыңарды эч кимге айтпагыла, эл ансыз да эл толкуп турган кезде апыртып ийишет, бири көрүп айтса, бири көрбөй айтып апыртып ийишмейи бар.

- Макул, чын эле апыртып ийишпесин, бала немеге оор болуп калат, - деди Айнагүл. Гүлзар ошондон тартып жети күн уктады, суу ичкен жок, былк этпей гана дем алып жатат. Жанынан чыкпай карап жатышты. Бекмурат намазын каза кылбай окуп кызынын амандыгын тилеп жатты. Туугандары келип сурап кетет, таенеси Умсун менен Токтогул келип көрүп кетишти. Айрыкча Гүлүйпанын жетимиштердеги тагасы келип көрүп анан сүйлөп отурду.

- Гүлүйпанын өзү экен бар болсун, байкушум жөн эле сүрөт эле да, аны отургузуп коюп эле карап тура бере турган жан эле небересине бир күчүн берген экен.

- Мен апамды билбейм, ойноо бала экенмин, чоң ата, чоң энем болгондуктан ата-энемди жакшы баамдабай калсам керек, негедир эми-эми түшүмө кирип жүрөт, - деп Бекмурат ойлуу жер карап туруп анан минтти, - Гүлзарды он алтысында алып кетебиз дегенин эстесем корком.

- Коркпо балам, ар бир пенде өз күнүн көрөт, апаң өлгөндө атам менен апам кыйын болушту, биз андан, ошону менен эле баары бүтүп калабы деп ойлогонбуз, андан бери жыйырма жылдан ашты, жашоо уланып эле жатпайбы?

- Ошентсе да… жөнөкөй эле кыз болуп төрөлүп аман-эсен элдей күн көрсө болбойт беле, бала кезинен башкача болду.

- Бул алланын буйругу, канча адамдын сообуна калды, көп ооруну тактап сакайтты, аз убакытта ушунчалык кудуретти кайдан алмак, элдин баары эле өзү көзү ачык, айткыч болуп кетпейби, бул алланын ишаараты, - деп Бекболот сөзүн бүтүрдү. Гүлзар азыр он үч эле жашта, ошентсе дагы сүйлөгөнү, көз карашы чоң кишиникиндей. Ал ошентип жатканда түндөсү Бекмуратка сыр көрүндү, ал уктап жатып эле сыртта басып жүргөн экен, ошол кезде ал короосу жактан аппак кийимчен адам кирип келе жатыптыр, аны карап турса эчтеке көрбөгөндөй эле короону көздөй барып малдын ичин аралап барып бир нерсени издегендей болуп карап жатып эле бир койду карады да колун өйдө кылганда бир нур пайда болду, ал нур ошол токтунун башынан аяк жарык кылып келип аппак токту болуп калды. Бекмурат анын жанында жүрсө да көрбөдү, анан үйгө кирди да туура Гүлзар жаткан бөлмөгө кирип жанына отурду, анан колу менен кыздын бүт тулкусуна тийээр-тийбес кылып сыйпап келип чекесине келгенде көпкө турду да: "Кызым, сен кө-өп жашайсың, тур кызым, сени эл күтүп жатат, сен элге керексиң", - деди да дароо көздөн кайым болду, артынан жүргөн Бекмурат анын келе жатканын көргөн, кайра кеткенин көрбөй калды, ары-бери карап таппай калганда чоочуп ойгонуп кетти, кара терге түшүп демигип калыптыр. Тура калып терезени караса жарык түшүп калыптыр, дароо эле Гүлзар жаткан бөлмөгө кирсе ал уктап жатыптыр, кайра кийинип алып чыгып короодогу койлорду караса баягы көргөн токту бир башкача көрүнүп аппак болуп калыптыр. Ичинен: "Тооба, жаратканыңа миң мертебе шүгүр", - деп алды. Ал көргөн түшүн эч кимге айтпады. Эрте ойгонгонго Асылайды тургузду да бир улакты өзү сое коюп түлөөгө даярданып жатканда Гүлзар сыртка чыгып калды, аны көрүп Асылай:

- Кызым, акырын жыгылып калба, - деп жетип барып кармай калды, - Башың тегеренген жокпу?

- Жо-ок апа, мен жакшы элемин, намаздан кечигип калыпмын, ойготуп койбойт белеңиз, - деди жаадырай күлүп.

- Уктап алсын дебедимби, - деген Асылай анын канча күндөн бери уктап жатканын айтпады.

- Апа бара бериңиз, мен жакшы элемин.

- Жыгылып кетеби деп…

- Кабатыр болбоңуз.

Ошондон кийин көпкө чейин Гүлзар киши дагы көрбөй, намазын окуп эле бир бөлмөдөн чыкпай калды. Эртең мененки чайга чогуу отурушкан, анан эле тамак ичип жатып:

- Элдин убалын ойлобогон акылсыздар келе турган болду, бул дагы кетет, азыр ал өзү кыйналып жатат, балдары менен аялы ынсапсыз болду, өздөрүн гана ойлошот, эми дагы эле ошонун шериги келет, - деди ойлуу.

- Эмнени айтып жатасың кызым?

- Элдин башына кайрымдуу адам келмейин эл оңолбойт, элдин жашоосун ойлогон эч ким жок, бул дагы көпкө уланат, мындан аркысы дагы кыйын, карапайым эл кырылат, балдар жетим, аялдар жесир, энелер балдарынан айрылып боздоп калышат, андан кийин дагы бирөө келет, аны көрө албастар кодулашат, калганы бүдөмүк апа, заман тынч, баары ойдогудай, элдин гана пейили бузулду, - деди өзүнчө сүйлөп, Бекмурат менен Асылай үн дебей отура берди.

- Эми эмне кыла алабыз, баары кудайдын колунда, - деди Бекмурат көптөн кийин.

- Ата, адамдар себелеп чачкан акчага күнүмдүк абийирин сатып жатышпайбы, түбөлүгүн ойлоп, бир гана жолду тандаса мындай болмок эмес, ошол эле башчынын жанында жүргөндөр ал тактан тайганда таптаза болуп чыга келишип, өзүн арачалап башкага жакшы көрүнүп жатышат.

- Айла канча, эл деген эл, кыйналган да, кысталган да көпчүлүк.

- Ошолордун арасында эч кимге зыягны жок бечаралардын бей күнөө өлгөнү жаман, - Асылайга карады, - Апа, бүгүн бир адам келет, жалгыз кызы жоголгон, мени көрбөйт деп айтыңыз, кийинки жума күнү келсин, - деди да туруп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бекмурат көргөн түшүн көп эстейт: "Эми кызым көп жашайт буйруса, көп адамдын бириндей эле бирөө болгондо эмне", - деп ойлонуп алат. Уланбек мектепти бүтөйүн деп калган. Уларбеги он беште, Турарбек он төрттө, бечара Айзат бир жаштан эле төрөй берген экен, катар-катар бой жетип баратышат. Эшигине мал батпай, жашоосу манаптыкындай эле болуп калган, балдарынын баарында телефон, Гүлзар гана кармабайт, ал каалабады, Дилбар кичирээк, жаңы биринчи калсска барды, өтө эрке. Гүлзар аны аябай жакшы көрөт. Бир күнү Гүлзар атасынан:

- Ата, эмнеге апамдын сүрөтү жок? - деди.

- Кызым… Биз ошондо сүрөткө түшкөндү деле билбептирбиз, эл чакчелекей түшүп турган убак, кары апам бар эле, - деди Бекмурат араң жооп берип, - Эмнеге сурадың кызым?

- Апам түшүмө кире берет, сүрөтүн көрсөм дегемин.

- Таятаңдардыкынан сурап көрөйүнчү.

- Кереги жок, мына буга окшош беле? - деп колу менен тарткан сүрөттү көрсөткөндө Бекмурат таң калып сүрөттү колуна алды:

- Өзүң тарттыңбы?

- Ооба, түшүмдө көргөнүмдү тарттым, апам бейишке чыккандай, сизге абдан ыраазы, - деди да, - Сиз апамды сүйбөпсүз, сыйлачу экенсиз, - деп коюп сүрөттү тиктеп калды. Бекмурат унчуга албай калды, анан ал экөө үйлөнгөндө, же андан кийин сүрөткө түшпөгөнүн ойлоду, бирок кызынын өз колу менен дал өзүнө окшоштуруп тартканына таңгалды. Убакыт өтө берди, кайрадан киши көрө баштады, жалгыз кызын жоготкон элүүлөрдөгү адамга кызынын бир жерде аман-эсен экенин айтты, бирок ал алыс жерде экенин да түшүндүрдү, ал киши таңгала:

- Кызым түшүмө көп киргенинен өлгөн экен деп апасы экөөбүз азап чегип жүрбөйбүзбү?

- Жок, ал келе албай жүрөт, бирөө жардам берип жыл аягында келет.

- Оозуңа май айланайын кызым.

- Кызыңыз оорукчан болуп келет, жакшылар карасаңыздар кадимкидей болуп кетет, - Гүлзар тигил кишини назар сала карап туруп, - Кызыңыздын ата-энесин таап алганын билесизби? - деди.

- Ыя?! - тигил адам алактай түштү.

- Сиз жашырганыңыз менен ал билип алган, сиздерге таарынып кетип жаман жолго түшүп ошондон улам ал башка шаарга билбестиктен алданып кеткен, - деди да унчукпай калды.

- Кызым, ал биздин бакканыбызды билгенби?

- Билет.

- Кудуретиңден айланайын, - деп ойлонуп отуруп анан кетип баратып, - Кызым келгенде бир келем кызым, - деди да чыгып кетти. Гүлзар андан кийин дагы көп адамды кабыл алып кечке жаны тынбады, намаз убагында күтүп турушат. Көрүнгөндөрдүн көбү кызга таңгалышат, жүзү аппак, кашы чыккан айдай иймек, көздөрү карагаттай, кирпиги музоонукундай, мурду кырдач, оозу оймоктой бул кызды үрдүн кызынан айрымалай алмак эмес эле. Айнагүл анын адамдын сырын бүт билгенин көрүп өзүнчө уялып да тээ жаш кездеги бир сырынын ачылып калаарынан тартынып жүрдү. Ал мектепти бүткөндө бирөөгө алданып калып төрөп анан төрөтканага таштап кеткен. Андан кийин таптакыр төрөбөдү, кызын таштаганына купуя гана өкүнүп жүрүп ушул жашка келгенине тагдырына нааразы болуп кетет. Бир күнү ал түшкүгө кайнатма тамак жасап алып Гүлзарга атайын келди.

- Сиздин келээриңизди билгемин, - деди Гүлзар ага.

- Чын элеби кызым?

- Ооба, адамдын өзүнүн жүрөгүнө каткан сыры болот, кызыңыз бар, бирок ал бакма экенин билип калып үйүнөн кетип жаман жолго түшкөн, аны баккан атасы келип кетти, - деди ойлуу карап.

- Эми эмне болот, мен кызымды көрө аламбы?

- Көрөсүз, өзүңүздүн сол колуңуздун билегинде белги бар экен.

- Кандай белги?

- Чо-оң кал барбы?

- Ооба-ооба, - Айнагүл шашып калды.

- Кызыңызда дал ошондой кал бар.

- Оо кудай, көп жаша кызым, үмүтүмдү жандырып койдуң, мен ал кызды караганга дагы үлгүрбөгөмүн.

- Кызыңыздын атасы азыр атка минерлердин бири экенин билсеңиз керек?

- Ооба, көрүп жүрөм, ошол курусун.

- Ал дагы баласыз…

- Койчу?

- Ооба, анын дагы балам жок деген арманы бар, шаарда жүргөнүмдө жаш аялы менен келип кеткен, ага дагы айткамын, бир кыздын үч адамга байланыштуу тагдыры эки жыл мурун эле мага түшкөн, - деди Гүлзар.

- Эми эмне кылам?

- Күтүңүз, алар келишет.

- Кудай өмүрүңдү берсин, - деген Айнагүл кубанычтуу чыкты бөлмөдөн: "Кудайым бар экен да, бир кезде аргасыздан таштаган кызымдын жүзүн көрөт экенмин, баса меникиндей белгиси бар дедиби", - деп жолдо баратып эле жеңин түрүп колун карады, көп байкачу деле эмес, чыканактан ылдый алакандын отундай капкара калын көрдү: "То-оба, дал меникиндей калы бар экен да, кагылайын кызым ай, өжөр болсоң керек, эркелетип өстүргөн ата-энеңдин баккан кызы экенин билгениңде өтө оор тийсе керек", - деп жүрөгү лакылдап кубанычтан токтобой калды. Күндөр өтө берди, малы көбөйүп Бекмурат атайын койчу жалдады, үй-бүлөөсү начар жашаган Бектурду чакырып:

- Сен мындан ары мага иштейсиңби? - деди.

- Макул аке, иштеймин эле, акысын кандай кыласыз?

- Айына үч миң сомдон төлөйм, жайкысын гана, кышкысын өзүм багам.

- Жарайт, мен макулмун.

- Жакшы баксаң үйүңө бир кап унду берип турам.

- Болду аке, сизге ишенем.

- Сүйлөштүк анда, мына муну ал, жакында өзүм көчүрүп коем, - деди Бекмурат.

Ошентип малын жайкысын бакканга малчысы бар, Бектур андан кийин кышкысын деле келип малын сугарып, короосун тазалап жүрө берет, Бекмурат ага чай-чакасына тыйынын, каптап унун алып берип койчу болду. Бара-бара аялы дагы келип Асылайдын кир-когун жууп берип, конок тозушса жардам берип калды, Бектур менен Салкындын беш баласы бар, баары чиедей жаш, өздөрү жоош-момун жубайлар. Бектурдун агалары, ини-карындаштары деле бар, бирок алар дагы өз жашоосу менен Бекмураттын үйүндө иш кылып малын баккандан бери бирин экин козу-улак күтүп калды, коңшулары аны көрүп: "Бакыт оошот, ырыс жугушат, - дегендей байкуш Бектур Бекмуратка иштегенден бери оңолуп калды, жакшыга жанашсаң жетесиң муратка, жаманга жолуксаң каласың уятка, - дегендей Бекмурат жакшы жигит да", - дешип калчу болду. Эшигинде одиссей машинасы, трактору бар, жылкы менен уюнун кысырын кыштоого таштап тубарларын алып келип багат. Айылдын кадырлуу адамдардынын бири болгон. Асылай андан бетер керилген келин, ага курбусу Мадина келген сайын суктанып кетет, ал ушу сапар дагы келди, аны тосуп алып сыйлап жатты:

- Мадина, уулуң чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп калды, бешинчи калсс…

- Көңүлүң чөгүңкү курбум, эмне болгон?

- Расул экөөбүз ажырашып кеттик.

- Эмнеге?

- Анын ойношу менен кармап алдым.

- Кызык экенсиң Мадина, эркектердин салтыда ал, балаң үчүн кечирсең болмок экен.

- Кантип, көзүң менен көрбөсөң бир жөн.

- Ошондо деле ал эркек да.

- Сен Бекмурат башка аял менен жүрсө кечирет белең?

- Кечирмекмин, балдар үчүн кечирип коймокмун.

- Сен го балдарың үчүн кечирет элең, мен бир баланы намысым үчүн ансыз эле багып алам, - деп Мадина ыйлап ийди, Асылай анын көңүлүн көтөрө сооротуп жатты. Мадина ошондо күйөөсүнөн ажырашып ата-энесиникине келген, баласы таятасыныкында калды, өзү кайра эле шаарга кетти, анын келгенин көргөн Гүлзар:

- Апа, сиздин курбуңуз өзү айыптуу, башканы жандаган аял, күйөөсүндө эмес, - деди.

- Кантип, анан эмнеге калп айтты?

- Көнгөн апа, ал калпты көп сүйлөгөн аял, - деп коюп ичкери кирип кетти, Асылай ойлонуп калды, арадан көп өтпөй эле зыңкыйган кызматкер адам менен конокко келип калды, Асылайга эшикке чыкканда:

- Асылай, бу киши кандай экен, өзү кызматта, баласы жок экен, эки аял алса төрөбөптүр, - Мени төрөп берсең төбөмө көтөрүп алам деп жатат, - деди сыр кылып.

- Мейли, өзүңө жакса болду да.

- Абдан жагат, маданияттуу да адамгерчиликтүү адам, болгон айыбы балалуу болбой жүрүптүр.

- Жакса болду, бактылуу бол анда, - деди Асылай Гүлзардын айтканын эстеп. Өмүрбек чынында адамгерчиликтүү экен, келгенден Мадинаны сыйлап отурду, бир кезде Айнагүл бир нерсе көтөрүп кирди да босогодо селдээ туруп калды, анткени ал бир кездеги жигити Өмүрбекти дароо эле таанып калды да шарт бурулуп кетип калды. Өмүрбек дагы көрдү, сыр билгизбей Асылайга кайрылды:

- Аяш, бу конокторуң жакпай калдыбы азыркы аялга, ал неге чыгып кетти? - деди.

- Аа-а, ал менин кайнатамдын аялы, тартынса керек.

- Балдары барбы?

- Жок, төрөгөн эмес экен, кайнатама келгенине аз эле болду, - деп Асылай Айнагүлдү айтып берди.

- Аа-а, - деп койду Өмүрбек, ичинде: "Байкуш десе, ал дагы төрөбөй калса, мен дагы балалуу болбой жүрөм, жакында кыркка чыгам, баса мага боюмда бар дебеди беле, ал эмне болду экен", - деп ойлонуп сыртка чыкты, Айнагүл Калыбекке тамак салып алып кеткени жаткан.

- Саламатсыңбы Айнагүл? - деди Өмүрбек.

- Саламатчылык, тааныган экенсиң?

- Айнагүл, кантип тааныбай коеюн, ден-соолук, ал-акыбал кандай анан?

- Кудайга шүгүр.

- Мен сага эртең кенен жолуга аламбы?

- Неге, бир кезде абийирим төгүлөт деп ыйласам болбой таштап кетпедиң беле? - деп Айнагүл кыйгач карай аста сүйлөдү, бирөө жарым көрүп калабы деген күдүк ой бар эле анда.

- Ооба, күнөө менде Айнагүл, бул жерден болбойт, таң эрте жолго чык, машина менен бир жерге барып сүйлөшөлү.

- Менин сени менен сүйлөшөөр сөзүм жок!

- Антпе, бир жолу мага мүмкүндүк бер.

- Болбойт, бир адамдын көзүн жазгырып машинага түшүп жүргөнүм уят, бир аздан кийин келем ошондо сөзүң болсо айтып кал, - деди да тез-тез басып кетип калды.

Ал сырттан кечигип киргенде Мадина:

- Кайда жүрдүң Өмүке, кечиктиң го? - деди.

- Таза абада жүрдүм, шаардын абасына караганда айыл абасы таза эмеспи? - деди Өмүрбек күлө.

- Ошондойбу, макул анда.

- Эмне, бул жерден дагы бирөөнү таап алды дедиңби?

- Ким билет? - Шыңк этип күлүп калды Мадина.

- Мени Дон-Жуан көрсөтөсүң го аяшка.

- Жо-ок, сүйлөшө бергиле.

- Бекмурат аяш кайда кеткен Асылай?

- Ал тоодогу малдан кабар алганы кеткен, келип калат.

- Ийи.

- Аяш менен таанышалы, - деп Өмүрбек артына койгон жаздыкка чыканактай отуруп калды. Бекмурат келип алар менен таанышып отурушту, Өмүрбек өзүнүн иштеген кызматын айтып өзүн тааныштырды. Коноктордон кеч келгени үчүн кечирим сурап эртең коноктоорун айтып орун салып беришти. Түндөсү сыртка чыккан Өмүрбек Айнагүлдүн келээрин күтүп турганда ал энтеңдеп эки жакты карап жетип келди.

- Келдиңби Айнагүл?

- Келдим, айтчуңду айт, мен эми баягы секелек кыз эмесмин, абышканын кемпиримин, таалайыма жазганын көрүп жатам.

- Айнагүл, мени тагдыр сынады, бала көрбөдүм, сен мага бир эле суроого жооп берчи, боюмда бар дедиң беле, ал кайда?

- Ал жок, мен жаш кыз элем, ата-энеме кантип бала көтөрүп бармак элем? - деди терс бурулган Айнагүл, баарын айтты, - Ошондон кийин мени да кудайым жазалады, балалуу болбодум эми ошол кызды бир көрүүгө зар болуп отурган кезим.

- Кечир мени, анын аты жөнүн билбейсиң да?

- Жок, күтүп жатам, жыл аягында келеби деп, кош бол, менин күйөөм башкача ойлонуп калбасын, карыган неме, - деди да басып кетти, жүрөгү ийне менен сайгандай тыз-тыз этип кетип жатты.

- Айнагүл! - деп үнүн өзү да угалбаган Өмүрбек кайра-кайра чылым чегип көпкө туруп анан кирди. Эртеси Бекмурат аларды кой союп коноктоду, Калыбек менен Айнагүл ошол жерде болду, Өмүрбектин көңүлү кирдеп ачылбай шаарга кетти, Мадина экөө анын ата-энесиникине бармак, бирок ага Өмүрбек болбой "кийинкиде" - деп коюп жолго түшүштү. Убакыт бат эле өтүп кыш келди, жаңы жылды тоскону жумурай журт калмынып жатышкан, ошол кезде Гүлзарга баягы адам келди, жанында узун бойлуу Карина аттуу кызы бар экен. Гүлзарга ыраазылык билдирип отурду, аты Самарбек, аялы төрөбөгөндөн улам Каринаны төрөтканадан алып багышкан экен. Ошентип бул дүйнөнүн түркүн тагдырын камтыган жашынмак жашоодо Айнагүл өз кызын тапты, Самарбек каршы болбоду, ал дагы Каринанын бактылуу гана болушун каалайт. Өмүрбекти телефон чалып чакырып алышты, алар антип кубаныч менен жүргөндө Калыбек ооруп калды, үч күн жатып эле ал дагы кайтыш болду. Айнагүл Карина экөө кыркына чейин аерде болуп анан Өмүрбектин чакыруусу боюнча шаарга кетишти. Өмүрбек туугандарын чакырып кызы менен Айнагүлдү тааныштырды, достору, кызматташтары ага толгон белектерди тартуу кылышты, Өмүрбек кызынын өзүнүкү экенин тастыктап баарын текшертип көөнү жайланган соң Айнагүлгө нике кыйдырып өткөн иш үчүн кечирим сурады…

Каныбек Нарбүнү шаарга алып бара албай Алинаны жиберген эле, чын эле анын боюнан түшпөптүр, ал турсун төрт айлык үч эм экенин билгенде Акылайга айтып чындап ачыкка чыкты. Акынай кайгарган жок, бала деген бакыттан ар бир эне азап чекпесин деген ойдо макулдугун берди, ата-энеси дагы аргасыз үйгө алып келишти.

Тогуз ай дегенде эки-уул, бир кыз төрөдү, анан жээнтек берип наристеге Кайрат-Кубат, Калыс деген ат коюшту. Бул кабарды уккан Курманбек менен Алтынбү келип бир топ чатак кылышты, Акылай аларды өзү тыйып койду. Нарбүнүн ата-энеси дагы кызын урушуп ары кетип, бери кетишти, бирок ал дагы Каныбекти сүйөөрүн айтып кетпей койду. Нарбүгө үй алып бери бөлүп коюшту, Акылай кайната-кайненесинин жанында калды, ал күйөөсүнө нааразы болбоду: "Бир кезде Каныбекти баласыз болуп калабы деп караанымды үзүп кетүүгө даяр элем, Каныбек мени сүйгөнүнөн жети жыл күттү, апасынын сөзүн укпады, мен деп жашаган адамга неге капа болом, анын бактысы менин дагы бактым", - деп ойлонуп жатты. Акылай менен Нарбү ынтымактуу, аларды эл гана тукуруп же кайрап "күндөштөр", дебесе аларды эже-сиңдидей деп билет эле билбеген эл. Тирүүлүктүн кең ааламынын чексиздигиндеги казандай көмкөрүлгөн асман алдында не деген чиелешкен тагдырлар бар, мен бир гана четинен кеп салдым окурман. Эч качан көңүл ирээнжиткен, көкөй кескен, жүрөк ооруткан окуядан алыс болуп, бир өмүрдө ар бириңердин бактылуу өмүр сүрүшүңөрдү каалайм. Бекмурат жашоосуна ыраазы, эч ким жокто Асылай экөө калганда: "Мен сүйгөн Асылайым, асыл жаным", - деп калат. Ооба алар абдан бактылуу эле…

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз