Айгүл ШАРШЕН


"Бакытка бөлөнгөн өмүр."


Зарылбек менен Анипа кайып каскагынан насиптери биригип үйлөнүп калышкан. Ата-энеси уул-келинине жакшы карап көтөрмөлөп эле жүрдү, бирок Анипа жеринен бош, илээнди болгондуктан Зарылбек бара-бара андан тажай баштады, анан калса кыял жоругу дагы оор эле. Жыл айланбай балканактай уул төрөп алды, ошондо бир аз имерилип, уулуна айланчыктап жашап калды, бирок көп өтпөй уулу Даниел эки жашка чыгып чыга электе ажырашып кетишти. Ошол кезде өлкөдө чакчелекей болуп заман өзгөрүлүп турган, Анипа уулун алып шаарды көздөй кетип Зарылбек бой жүрүп калды, ошол убакта Сайра ага капысынан жолугуп, экөөнүн ортосунда жалындаган сүйүү пайда болуп үйүнөн эрте кетип, кеч келип калганынан атасы Нуралы уулуна:

- Балам, төрөп түшкөн аялыңды кетирип ийип минтип жүргөнүң болбойт, андан көрө неберем менен келинимди алып кел, - деди кыйгай карап.

- Ооба балам, атаң туура айтат, балалуу аялды кетиргениң болбойт, алып кел, - деп апасы Канымжан дагы бир жагынан коштоду.

- Ата, апа силер билбейсиңер да, Анипа өтө эле балит экен, өзүн да жөндөй албайт, эми аны унуткула башка аял алам, - Зарылбек ата-энесин тике карай албай жер карап күңкүлдөдү.

- Кой балам, Анипа жаш, бара-бара өзү эле оңолуп кетет, турмуш баарын үйрөтөт, дагы бирди төрөсө эле зыңгыраган аял болуп чыга келет, - Канымжан токтоо, жай сүйлөп баласын көндүрмөк болду.

- Болбойт, кеткен немени кайра алып келбейм, мен башка кызды жактырып калдым, - деп Зарылбек болбой сыртка чыгып кетти. Нуралы менен Канымжан бири-бирин караган бойдон кала беришти, Зарылбек үйдөн чыгып эле дароо Сайранын үйүн көздөй жөнөдү, ал апасынын колунда эрке өскөн кыз эле, тагасы Авазбек Сайраны эки жакка чыгарчу эмес, кокус эле бирөө менен туруп калганына көрүп калса катуу тилдеп койчу.

Зарылбек короодон окчун туруп алып ышкырып көпкө турду, эки жакты элеңдей карап короонун эшигинен көзүн албай турганда Сайра көрүндү, Зарылбек аны көздөй жүткүнө:

- Сайра, сен мени көрдүңбү? - деди.

- Акырын, тагам угуп калат, - Сайра артын карай аста үн катты, - Эмнеге келдиң, мени өлтүрөт.

- Коркпочу Сайра, мен сени көрбөсөм тура албайм, - Экөө кучакташып туруп калды, - Мен сени сүйөм Сайра.

- Мен дагы Зарылбек, мен дагы сени сүйөм, бирок менин тагам каршы, сенин аялыңдын бар экенин билип алып урушуп жатат.

- Сен баш тартпасаң болду, мен жакында ажырашам, анан экөөбүз үйлөнүп алабыз.

- Мен сенден эч качан баш тартпайм, балаң дагы бар эмеспи, ал сени менен калабы?

- Даниел апасы менен калган, сага жакпаса албайм.

- Балада эмне күнөө, ага каршылыгым деле жок, сен экөөбүз бири-бирибизди сүйсөк болду эмеспи.

- Албетте, мен дагы ошентип ойлойм.

- Ата-энең кайра үйлөнгөнүңө каршы болушпайбы?

- Эмнеге, алар менин бактылуу болушумду каалашат да, ажырашканда бир аз капа болушту, анткени баланы атасыз өспөсүн дегени да.

- Качан ажырашасың?

- Буйруса арыз берем, Анипаны шаардан издеп кол койдурушум керек, - Зарылбек кыздын колдорунан кармап өөп койду.


- Ал макул болбой койсочу?

- Болот, өзү сүйбөгөн эркекти эмне кармамак эле?

- Сен сүйгөн эмес белең?

- Жок.

- Эмнеге үйлөнүп алгансың?

- Жаштык да, атамдар дагы үйлөн деп шаштырып туруп алды, ойлонбой туруп эле ала качып алгамын.

- Ага да оор болот го, балким ал сени сүйөттүр?

- Өзүң сүйбөгөн соң анын сүйүүсү мага эчтеке эмес.

- Ал деле адам да, жүрөгү ооруйт, карпаланып азап чегет.

- Аны кой, өзүбүз жөнүндө ойлойлучу. Кандай ажырашсак дал ошондой эрте үйлөнөбүз, мен сенин жанымда түбөлүк бирге болушуңду каалайм, тезирээк эле үйлөнсөк жакшы болот эле, - деп Зарылбек кызды кучактап турганда дарбазасы ачылып апасы чыга калды эле Сайра боюн тарта берди.

- Апам көрүп калды, мен үйгө кирейин, сен кетип кал.

- Макул алтыным, мен сени сүйөм, сенсиз зеригем, сагынам Сайра.

- Көрүшкөнчө.

- Сайра, кайда жүрөсүң кызым?

- Апа, азыр барам, үйгө кире бериңизчи.

- Бол кызым, тамагың даяр болуп калды.

- Мына апа баратам, - Сайра жүгүрүп кетти, - Эмне болду апа, классташым келип калыптыр, бир аз сүйлөшүп турдум, - Алар ээрчише ичкери кирип кетишти. Зарылбек кудуңдай ышкырып коюп үйүнө келди.

- Ой бала кайда жүрөсүң, аялыңдан кабар алсаң боло, неберемди сагындык, Анипа баланы ала кетип бизди жаман

кылды го, ата-энени укпаган кандай бала болдуң? - деп Нуралы аны көрө сала тилдеп кое берди.

- Ата, мен айттым го, Анипа менен жашабайм деп, эмнеге эле урушуп жатасың, баласын алса алып жоголсунчу ошол бойдон! - Зарылбек ичкери кирип кетти, аны үйдөн апасы каршы алды:

- Балам а-ай, өзүңдү-өзүң кыйнабай эле Анипаны алып келсеңчи.

- Анипа, Анипа, Анипа! Чарчадым апа ушул атты кайра-кайра уккандан!

- Оп-ээй ботом, сага эмне болгон? - Эне делдээ карап кала берди.

- Эмне болду байбиче? - Нуралы кирди, - Балаң ачууңа тийдиби?

- Эмне болуп жүргөнүн билбейм, Анипа десең эле зиркилдеп тура калат, баланы атасыз өстүрөбү эми, муну бузуп жүргөн бирөө болуп жүрбөсүн?

- Ким бузмак эле, келинге көңүлү жок экенин мен башында эле сезгемин, кыйнаганда эмне, андан көрө баланы бер деп келинге айтуубуз керек, өз колубузда өссө жакшы эмеспи, - деп Нуралы наалып отура кетти, ошол кезде Зарылбек ички бөлмөдөн чыга келди:

- Тим койгулачы баланы, аны алып келгенде шылтоолоп келе берет, башкага үйлөнсөм балалуу болобуз да, ошондо небереңерди бага бересиңер.

- Өзүң бил балам, - Нуралы жер карай мурутун жанып алды, - Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт деген, өз тагдырың өз колуңда эмес, бул да болсо пешенеңе жазылгандыр, экинчи никелүү болсоң дагы бактылуу болсоң болду балам.

- Көрөсүз го, мен бактылуу болом ата, өзүм каалаган кызга үйлөнөм, силер шаштырбаганда эми үйлөнмөк экенмин, - деп дасторкон четине отурду, - Апа, тамагың даярбы?

- Даяр балам, карыганда келинден кызмат көрбөй минтип казан-аяк кармап куурадым, - Канымжан жер таяна туруп ашкана жакка онтолой жөнөдү, - Замирбекти үйлөн десек дагы болбой жүрөт, качан бир тынч отуруп кызмат көрөм билбейм, - Наалый тамагын көтөрүп келип идишке куюп алды-алдына койду.

- Шашпа апа, келиниң сизди кыймылдатпай карай турган болот, көрөсүз го, ал атам экөөңөргө тең жагат, жакшы келин болуп берет, - Зарылбек ушинткенде ата-эне бири-бирин карап тим болушту. Ошону менен сөз да бүткөндөй болду, Зарылбек кайнатасыныкына барды, Сталбек аны көрүп жактырбагандай карады:

- Келген экенсиң бала?

- Келдим, Анипа үйдө жокпу?

- Ал жок, эмнеге сурадың?

- Ажырашканга арыз берейин дедим эле…

- Ошончолук эле оңой деп ойлойсоңбу?

- Жашай албагандан кийин ажырашканыбыз жакшы болот го? - Зарылбек аны ата дебей керсейип сүйлөп жатканына Сталбектин ачуусу келип кетти.

- Өзүң таап ал Анипаны, мага экинчи келбе!

- Дарегин билсеңиз айтаарсыз?

- Билбейм, бар өзүң таап ал! - Колун шилтей үйү жакка басып кетти. Зарылбек эмне кылаарын билбей көпкө туруп анан өз үйүнө жөнөдү, ошонун эртеси эле шаарга барып Анипаны издемек болуп кетти, анын шаарда таанышы деле жок болчу, конок үйдөн орун алып эртеси эрте чыгып көчө бойлоп басып жүрүп: "Минтип таба албайт экенмин, эмне кылышым керек, Анипаны таппасам ажыраша албайм, Сайра экөөбүз дагы үйлөнө албайбыз, башка бирөө ала качып кетсечи, анда мен канттим, жо-ок андай болушу мүмкүн эмес, андан ажырагым келбейт", - деп жер карап кетип баратканда алды жагынан келе жаткан классташы Гүлбү аны карыдан кармап калды:

- Ээ-эй Зарылбек, мынча эмне ойго батып алгансың?

- Сен, сен кайдан?

- Мен эки жылдан бери шаардамын да.

- Күйөөгө тийди деп укпадым беле?

- Ооба, күйөөм экөөбүз жашайбыз, өзүң кандайсың, мен Анипага жолуккам, ал эжесиникинде жүрөт, балким аны издеп келгендирсиң? - Гүлбү ээги-ээгине тийбей сүйлөп жебиреп суроо узатып жатты, - Балаң чоңоюп калыптыр.

- Сен анын эжесинин үйүн билесиңби?

- Жок, бирок үй телефону бар.

- Ошону мага берчи, Анипа менен сүйлөшөйүн.

- Балаңды сагынгандырсың? - Гүлбү жылмайып койду.

- Балким, бирок андан дагы маанилүү ишим бар.

- Аа-а билдим-билдим, Анипанын таарынычын жазганы келгенсиң го, ал байкуш дагы капаланып араң жүрөт, - Гүлбү чөнтөгүнөн кагаз алып телефон номерин жазып берди да күлүп, - Бактылуу болгула классташ, ынтымак каалайм, көрүшкөнчө, - деди да жөнөй берди.

- Жакшы бар, - Зарылбек кагазды колуна алып ойлуу саатын карады, түш ооп калган экен, телефон чалууга будкага келип номерди терип тыңшап калды, бир кезде ары жактан:

- Алло, бул ким? - деген Анипанын үнү угулду.

- Анипа бул менмин, бүгүн жолукпайлыбы?

- Эмнеге, кандай ой менен жолуккуң келип калды?

- Анипа, Даниелди алып келип кал, мен силерди күтөм, - деген Зарылбек жолукчу даректи айтты да трубканы коюп койду. Арадан жарым саат өткөндө уулун жетелеген Анипа көрүндү, Зарылбек томпоңдоп келе жаткан Даниелди көрүп ылдамдай басып жетип көтөрүп ала койду.

- Уулум, кандай чоңоюп калдыңбы? - Өөп-өөп анан жерге койду, - Кандайсың Анипа?

- Жакшы, жаман деп угуп бооруң ооруп келдиңби? - Көзүн алайта мурдун чүйрүй карады, - Кудайга шүгүр, балам экөөбүз кыйналган деле жокпуз, кыйналсак дагы сенден жардам сурабайбыз.

- Анипа, мен сага боор ооруп же жардам берүү үчүн келгеним жок, - Зарылбек уулун карады, - Даниел, сен тигил селкинчектин жанына барсаң, азыр өзүм барып ойнотом ээ?

- Андан эмне жашырганың бар, тим кой.

- Апа, мен ойноп келем, - Даниел ары көздөй жүгүрүп кетти, үчкө чыгып калган бала томпоңдоп баратканын көрүп Зарылбек ичи жылый күлүмсүрөп алды: "Мен балага имерилсем анда Анипадан кете албай калам, баары бир мага баланы бер десем дагы бербейт, андан көрө келген оюмду айтайын", - деп ойлонуп тамагын кыра жөтөлгөн болду да:

- Анипа, минтип жүрө бербей ажырашалы, - деди, андан муну күтпөсө керек Анипанын жүзү бозоро Зарылбекти көзүн алайта карап туруп калды, - Арыз жазып келгемин, сенин колуң коюлса эле бүтөт.

- Ошол үчүн келген экенсиң да?

- Ооба, убакытты өткөрбөй ажырашканыбыз жакшы, баланы талашпайм, кааласаң бер, каалабасаң өзүңдө эле болсун.

- Эч качан, эч качан кол койбойм! - Анипа артына шарт бурулуп баласын көздөй жүгүрдү, - Акмак, ажырашат имиш.

- Анипа, Анипа токто!

- Жогол көзүмө көрүнбөй! - Анипа баласын жерден көтөрүп ала коюп тез-тез басып жөнөдү:

- Токто Анипа! - деп анын артынан Зарылбек жүгүргөндө ары-бери өткөн эл аларды таңгала карап коюп кетип жатышты, - Токто деп жатам! - деп жетип колунан кармап токтоткондо Анипанын көзү толо жаш эле:

- Эмне, менден эмне керек сага?!

- Сүйлөшөлү, сен арызга кол кой, андан кийин сенин тынчыңды албайм, колу-жолуң бош! - деди ачууланган Зарылбек ага тике карап.

- Зарылбек, сен ушунчалык эле карайган экенсиң да, мен сенден муну күткөн эмесмин, балабыз турса кайрылып келээр дегемин, кайрадан бирге жашап, балабызды бирге тарбиялайбыз деп ойлогом. - Анипа жашка муунуп туруп айтып жатты, - Көрсө сенин пейилиң такыр бурулган экен, балаңды дагы кечкен экенсиң, жашоодо арсыз, жеңил эркектер бар десе ишенчү эмесмин, сендейлер гана баласынан баш тартат!

- Кандай ойлосоң ошондой ойло, мен сени сүйбөйм Анипа, ажырашып алганыбыз эле туура экен, баары бир жашообуз жакшы болбойт, - деп Зарылбек Анипанын алдына туруп алды, - Сен мага капа болсоң бол, баладан кечкеним жок, сенден тартып алгым келбейт, Даниел менин дагы, сенин да балаң.

- Сүй деп жалдырабайм, бирок көрөм сенин менден ашык аял алганыңды, Даниелге сен жөнүндө эчтеке айтпайм, эгерде сураса өлгөн деп айтамын, - деди да көз жашын аарчый өзүн кармана Зарылбекке тикирээ жек көрө карады, - Кана арызың, мени убара кылбай бүтүр кошумча дагы жазып беремин, сени менен жашай албайм деп.

- Мына, - Зарылбек арыз жазылган кагазды ага сунду, Анипа кол койду да, башка кагазга: "Менин жашагым келбейт, ажырашууга өзүм макулмун", - деп жазып берди да, - Кел уулум, биздин ишибиз бүттү, үйгө кеттик, - деп Даниелди көтөрүп алып басып кетмек болгондо:

- Анипа, сага рахмат, эми Даниелди мага берчи, бир өөп алайын, - деп күнөөлүүдөй үн катканда Анипа артына карабай туруп баланы түшүрдү, баланы ала койгон Зарылбек бир саамга бооруна кысып эки ууртунан өөп анан түшүрдү да, - Бара гой балам, апаңа бар, - деди.

- Ата, сен кетесиңби? - деди ошондо Даниел аны карап, Анипа турган ордунда солкулдап ыйлап турду, Зарылбек үн ката албай калды, - Ата, сен биз менен барбайсыңбы?

- Жок балам, мен кийин барам, азыр апаң менен бара гой.

- Тез эле келесиңби ата?

- Ооба, бат эле келем, сен жакшы бала болгун ээ?

- Жүрү уулум кеттик, - Анипа Даниелди колунан алып басып кетти, Зарылбек үн ката албай кала берди. Көптөн кийин гана оор улутунуп, терең дем алып алды да конок үйгө жөнөдү, ал күнү аерде эс алып эртеси айылга жөнөдү, арызды берип Анипаны эки жолу чакыртып анан үч ай өткөндө гана ажырашып бүттү. Сайраны ошол кезде тагасы Авазбек өзүнүн тааныш досуна келин кылып бермек болуп сөз берип койгон, ал үчүн Сайра жини келип апасына тултуңдап алды:

- Апа, эмнеге тагам менин тагдырыма кийлигишип жатат, мен Улукбекке тийбейм, эгерде таңып берем десе качып кетем, өз агаларым деле турбайбы?

- Кызым, Аалыбек абдан жакшы киши, колдорунда да бар, кызматта иштейт дейт Улукбекти, тарбиялуу жигит, чоң окууну бүтүптүр, Авазбек сени жаман болсун дейт беле, бактылуу болсун дейт ал деле.

- Кереги жок, мен өзүм каалаганга чыгам апа, тагама айтып кой, мен үчүн убара болбосун, - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Олда-а кызым ай, бактылуу эле болсоң экен, кудай багыңды ачсын, кимге барсаң дагы багың ачылсын, - Эне кейип отуруп калды. Седептин үч уул эки кызы бар, эки уулу үч-төрттөн балалуу болуп калган, кичүү уулу жакында эле үйлөнгөн, Сайрадан улуу кызы бар балалуу, Авазбек эжесинин колунда чоңойгондуктан үйлөнүп төрт бала күтүп калса дагы бөлүнгөн жок. Ата-энеси өлгөндө Авазбек беш жашта болчу, Седеп эки балалуу болуп калган, ошол бойдон чогуу жашайт, күйөөсү өлгөндөн кийин биротоло инисине жөлөнүп калган. Авазбек сырттан кирип келе жатып Сайранын айтканын угуп калып кайра чыгып кетти, балдары ойноп жүргөн, аялы төркүнүнө кеткен эле: "Демек бу кыз жээндигин кылат экен да, мен бул үчүн баарын жасоого даяр болуп, бактылуу болсун дегеним менен түшүнбөйт тура, эжемдин кадыры деп отурганымды билбейт тура", - деп ичинен нааразы болуп алды. Сайра улам сыртка чыгып кайра кирип кимдир бирөөнүн күткөндөй болгонун сезип байкап акмалап турду: "Кандай жигитти жактырганын көрөйүнчү", - деген ойдо эле, бир кезде эки жагын каранып алып чачын оңдой сыртка жөнөдү, Авазбек анын артынан карап туруп анан короонун ичи менен бак жакка барып сырт жакка көз жиберди, Зарылбекти ал таанычу, анын аялы, бир баласы бар экенин дагы билет: "Тапканың ушул экен го, бу акылы аз кандай кыз, карасаң муну аялы бар неме менен жолукканын", - деп ойлоду да тим болду. Сайра Зарылбек менен сүйлөшүп турду.

- Баары бүттү алтыным, эми экөөбүз үйлөнөбүз, адегенде атамдарды жиберем, - деди Зарылбек Сайраны өзүнө имере тартып.

- Аялың дароо эле макул болдубу?

- Ооба, өзүн сүйбөгөн эркекти кармамак беле?

- Зарылбек, атаңды жибербе, мени таекем башка бирөөгө бермек болуп сүйлөшүп коюптур, макул болушпайт, - деди Сайра кабак бүркөй.

- Эмнеге, ал ким экен?

- Улукбекти тааныйсыңбы?

- Аалыбектин баласыбы?

- Ооба.

- А сен эмне дедиң?

- Апама аны жактырбайм деп айттым.

- Эмне деди анан?

- Билбейм, апам таекемди угат, анын үстүнө Аалыбектер жакшы кишилер дейт, эмки жумада үйгө келишет экен.

- Анда эмне кылабыз?

- Билбейм.

- Ала качып кетемин анда.

- Зарылбек…

- Антпесе сени берип ийишет го?

- Берсе эле бара коймок белем?

- Кыз деген ошо да, ким келсе көнүп кете берет, эгерде мени сүйгөнүң чын болсо качасың мени менен болбосо өзүң бил.

- Зарылбек, мен сени сүйөөрүмдү билесиң го, апамды да аяйм, ал менин бактылуу болушумду гана ойлойт.

- Менин бактылуу кыла алаарыма ишенбейсиңби?

- Ишенем, бирок тагам каршы болуп жатпайбы.

- Ма-акул, мен атамдар менен сүйлөшөм, анан эртең келип сага айтам, эми үйгө кире бер, мен барып бир иштерди бүтүрүшүм керек, - деди да Зарылбек кызды эки бетинен өөп алып жөнөй берди, Сайра кирээри менен эле Авазбек эжесин бир карап алып сөз баштады, кыязы мурунураак кеп кылып отурган өңдөнөт.

- Сайра, сени мен жээним эмес өз карындашымдай көрөм, бактылуу болушуңду каалайм, эгерде өзүмдү-өзүм билем десең анда жанагы Нуралынын баласынан башканы тап, мен сени ага ыраа көрбөйм.

- Тага, Зарылбектин эмнеси жаман?

- Эмнеси жаман дегенин кара, аялы менен баласы бар неменин эмне кереги бар сага, сен күйөөгө тие элек жаш кызсың, ал сага тең эмес.

- Аялы менен ажырашып бүттү… - Сайра жер карай үн катты, - Өзүмө жагат Зарылбек.

- Сайра, кызым… - Седеп аста үн ката кызын карады, - Сен ал баланы өзүң жактырам дедиңби?

- Ооба апа.

- Кызым, ал баланы мен тааныбайм, ата-энесин көргөм, жакшы адамдар, бирок өз тагдырыңды өзүң тобокелге салганың болбойт, аял кое берсе бир мандеми бардыр, ойлонуп көрүп анан чеч, жети өлчөп бир кес деген…

- Апа, ал жакшы эле бала…

- Эмнени кеп кылып жатасыңар? - деп шаарда окуган кичүү агасы Өмүрбек келип калды, - Кандайсыңар?

- Кел балам, аман-эсен келип алдыңбы? - Седеп уулуна кучак жая карады.

- Апа! - Эне-бала кучакташып калды, учурашып отурушкан соң сөзгө келишти, - Ийи чоң кыз, бойго жетип калгансың го, кана кимди сөз кылып жаттың эле?

- Жөн эле балам, келгениң жакшы болду, кана тамакка кара, жолдо чарчагандырсың балам, келин келген жокпу?

- Айтпаңыз, узак жолдо чарчадым дечи, силерди көргөндө баары жазылып кетти, Айжамалдын жумушу бар эмеспи, бошотпой койду, мен эки күндөн кийин кай ра кетем.

- Жөн жай эле келдиңби? - Эне уулун сырдуу карап калды.

- Өзүңүз билесиз да, Айжамал экөөбүз тең окуп-иштеп жатабыз, акча тыйындан кыйналып кеттик…

- Садагаң болоюн десе, келгениң жакшы болду, эртең менен сүйлөшөбүз, Темирбек менен Керимбекти сенден айтып ийсек келип калаар, - деп сырдуу жылмайып койду.

- Эмнеге апа?

- Эртең сүйлөшөбүз, азыр тоюп эс ал, - деп койду эне, Өмүрбек унчукпай калды, Сайра ичинен сары санаа болуп эмне болоорун билбей жатты: "Өмүрбек акем дагы каршы болсочу, анда кантем, Улукбекке кантип барам, мен аны сүйбөсөм кантип жашамак элем, жо-ок өлтүрсө-өлтүрүп койсун, Зарылбектен башкага тийбейм", - деп ойлоп ордуна жатып калды. Авазбек өзүнчө: "Улукбекке ала качтырып ийем, анан көрөм жашабаганын, аял алып кетирген неме ага жакшылык кылмак беле, ошондо көрөм", - деген ойдо болуп жатты. Эртеси эртең мененки чайга отурганда Седеп уулуна карап минтти:

- Уулум, Сайра бой жетти, баарыңар өз-өзүңөрчө очок тутантып калдыңар, эмки кезек Сайраныкы, жыйырмага чыкты, күйөөгө беришибиз керек.

- Апа, кимге бересиз?

- Аалыбектин баласына беребиз, - Седеп кызына көз кырын сала атайын айтып жатты, - Эмки жумада алар куда түшүп келебиз деп жатыптыр.

- Апа, Сайра ага макулбу, көңүлү болбосочу?

- Балам, бир кызды ата билет, бир кызды жеңе билет, акыры келип, бакытка бөлөнөт деген сөз бар, атаңар болбогон соң мен билем, Сайра каршы болсо анда апам деп мага кайрылбасын.

- Апа! - деп жиберди Сайра, - Мен Улукбекти жактырбайм!

- Болду, улуулардын сөзүн бөлбө, мен сага ошондой тарбия бердим беле, биз сенин келечек бактың үчүн кабатыр болуп жатабыз, көзүмдүн тирүүсүндө орун-очок алып калганыңды көргүм келет кызым, андан көрө өз камыңды көр! - деп олуттуу карап көзү менен атып каардуу көрүнгөндө Сайра көзүнө жаш кылгыра ордунан туруп кетти, ал чыгып кеткенден кийин Седеп Өмүрбекке баарын айтып берди, ал ойлонуп отуруп калды:

- Эмне, кылыш керек анан апа?

- Эмне кылат элек, көнөт баарына, акырындап жакшы көрүп кетет, анан баягынын кызы эр албаганынан катын кетирген немеге тийиптир деп кеп кылбайбы, кудайга шүгүр эле колубузда бар, атаң кадыр-барктуу болчу, келип-келип анын арбагына шек келтирмек белеңер? - Седеп уулуна ачуулуудай карады, - Намыс деген бар го, бир кызга алыбыз жетпей бир үйү бузулган немеге кармата беребизби ыя?

- Апа, Сайранын бактылуу болушун ойлошубуз керек го?

- Нуралынын баласына тийсе эле бактылуу болуп, Аалыбектин баласына барса бактысыз болмок беле, ар нерсенин өз жолу бар, пешенеге эмнени жазса ошону көрөт пенде.

- Өмүрбек, эжем туура айтат, Нуралынын баласына бербегенибиз оң, аял алып кетирген немеге тийсе уят болобуз, - деди Абазбек.

- Билбейм, убагында көрөөрбүз, апа мен эртең кайра кетүүм керек, акчаны кантебиз?

- Сага мен берем, - деди Абазбек жылмая, - Эжемди көп эле кыйнай бербегиле, үчөөңдү үйлөнттү, Майрага сеп берди, эми өзү дагы карыды.

- Туура, апам да картайды…

Ошентип алар сүйлөшкөнү менен чечилбей кала берди, Өмүрбек кетип өздөрү калгандан кийин Зарылбек келип дагы жолукту. Аны байкаган Авазбек бул жолу чыдай албай артынан чыга калды да алардын жанына келди:

- Сен уяты жок кандай немесиң, жаш кыздын башын айлантып үйдү айланчыктаганың эмнең ыя?

- Авазбек аке, сабыр кылыңыз…

- Ыкы, мен сабыр кылайынбы? - деп Авазбек Зарылбекти жакадан алды, - Сыйың менен кетип кал, сен Сайрага тең эмессиң, бул жерден экинчи карааныңды көрбөйүн!

- Тайке…

- Жап оозуңду, киргин үйгө!

- Авазбек аке, сизге түшүндүрүп берем…

- Эмнени, балаң менен аялыңды кетиргениңдиби ыя, эртеңки күнү аялын бузуп тийген деп элдин ушак кылышын каалап жатасыңбы, Сайраны жаманатты кылгың келеби? - Ачуусу келе Зарылбекти түртүп ийди.

- Тага, андай эмес, - деп Сайра ага кайрылганда Авазбек аны акшыя бир карады да колунан алып ачуулуу үйдү көздөй жөнөдү.

- Мен Сайраны сүйөм, баары бир мен аны башкага бербейм! - деди Зарылбек утурлай басып.

- Эми ушул жерден көрсөм жакшылык күтпө! - деди Авазбек эшигин жаап жатып бери кайрыла, - Ажалың жетсе келе бер!

- Мына, өлтүрсөңүз азыр өлтүрүңүз! - деп Зарылбек дагы өжөрлөнө дарбазасынын түбүнө келди, - Мен тирүү турганымда Сайраны эч кимге бербейм! - Ошол убакта Седеп чыга калып жулунуп кирип Сайраны ичкери түртүп ийип кайра артына жөнөгөн Авазбекти кармап калды:

- Ачууга алдырба, кызуу кандуу жаш балага теңелбе садага, ачуудан бир балээ чыгып кетпесин, - дегенде анын колун силкип жиберип үйдү айлана басып кетти: "Ырас эле ачуум менен мерт кылып коюп балакет баспасын, мен акыл токтоткон чоң адаммын го", - деп ойлонуп турганда аялы Жибек келди, экөө сүйлөшүп калганда Седеп баятан бери дарбазанын сыртында сүйлөп жаткан Зарылбекке барып:

- Балам, үйүңө бар, биерде тургандан пайда жок, - деп акырын айтты.

- Апа, мен Сайраны сүйөм, ансыз жашай албайм, мени түшүнүңүзчү апа, - Зарылбек жалдырай карады, - Баары бир алып кетем Сайраны.

- Балам, сен да ойлонуп көр, азыр үйүңө кетип кал, анын агалары бар, кеңешип-таңашып көрөбүз, бар үйүңө, - Седеп эшигин жаап алып үйүнө кирсе Сайра көз жашын көлдөтүп ыйлап жатыптыр, - Кызым, жаңылышып калба, келечегиң алдыда, Улукбекке дагы бербейм, бирок терең ойлонуп көрүп өзүң чеч, - деп эне кызынын чачынан сылап ойлуу карап отуруп калды.

- Апа, мен Зарылбектен башкага барбайм, - деди Сайра көптөн кийин башын көтөрүп.

- Мейли, көп ыйлай бербе, акылың бар кызым, пешенеңе эмне жазылса ошону көрөсүң, жазуудан качып пенде эч кайда бара албайбыз, - деди да ордунан туруп сырткы бөлмөгө чыкты, Жибек дасторкон жайып тамагын алып келип койгон, балдарынын алды онунчу класста окуйт, эң кенжеси беш жашта.

- Аваз, - деди Жибек тамактанып отуруп, - Үйдү эртерээк бүтүрсөң болот эле, өзүбүзчө бололу, балдар бой жетип баратат, сен Сайрага тагасың, өз жолуң менен болбой сыйдан кетип калсаң болбойт го?

- Койчу балам, - деди Седеп, - Авазым экөөбүз бир эне-атадан жалгызбыз, ким жаман көрөт, өзүңөрчө болгонуңарга каршылыгым жок, балдарыңар чоңоюп баратат, аларга дагы үй-жай керек, бирок жаман көрөт деген сөз оозуңардан чыкпасын, оюңарга дагы келбесин, Аваз буларга атасындай эле кадыры бар, мен турганда сыйлашат, ар дайым акылын угат.

- Эже, азыр заман өзгөрүлгөн кез, адамдардын дагы жаштардын дагы кулк-мүнөзү өзгөрдү.

- Аның ырас дечи, ошентсе дагы биздин тарбиядагы балдар эч качан бөлөксүнтпөйт, - деп Седеп ойлуу кызын карады.

- Эже, - деди Авазбек, - Жанагы Нуралынын баласы дагы ушул үйдүн жанынан көрүнсө жыга эле чабам.

- Ага теңелбей эле кой, акыры калат да, - Седеп ушинткенде Сайра туруп кетип калды. Аны ошондон баштап сыртка чыгарбай кайтарып калышты, Авазбектин ортончу баласы карап турат, басса-турса артынан калбайт, бир күнү Зарылбек ышкырып үйдүн артында элеңдеп турганда Эмир аны короонун ичинен карап турган, аны байкаган Зарылбек:

- Ээ дос, сен кимдин баласысың? - деди жылмая.

- Авазбектин.

- Сайра үйдөбү?

- Ооба.

- Чакырып бересиңби?

- Атам урушат да.

- Эмнеге?

- Мени кайтарып тур деген да.

- Чын элеби? - Зарылбек күлүп калды.

- Сени атам уруп коет.

- Кантип, сага ошентип айтты беле?

- Ооба да…

- Сен мени менен сүйлөшөсүңбү? - деп Зарылбек тосмого жакындады, - Мына, мен сага муну берем, - деди да чөнтөгүнөн жыйырма сом алып чыкты, - Сен мага Сайраны чакырып бер, а сен шоколад алып жейсиң макулбу?

- Атам урушат.

- Урушпайт, экөөбүз дос бололу ээ?

- Ээ койчу, тил угам да.

- Эч ким билбейт, кайра эле кирет макулбу?

- Көпкө турбай кетесиңби анан?

- Ооба, тез эле кетем, бол сен чакырып келе кал.

- Азыр, сен көрүнбөй тур, - деп Эмир балалык көңүлү акчага бурулуп жүгүрүп кетти, көп өтпөй эле Сайра акырын басып келип калды, Зарылбек акчаны Эмирге берди:

- Сен карап тур, бирөө көрүп калбасын.

- Макул, - Эмир ары жүгүрүп кетти.

- Зарылбек, эмнеге келдиң, апамдар таптакыр эле крашы болуп жатат, эки күндөн кийин куда түшүп келишет, эмне кылаарымды билбей калдым, - деп Сайра ыйламсырай карады.

- Коркпо жаным, үйдөгүлөр даярдык көрүп жатат, буйруса өзүм алып кетем, - Зарылбек кызды имере тартып кучагына кысты, - Кабатырланбай эле кой, сени эч кимге бербейм.

- Корком, алып кетип калышсачы?

- Андан мурун өзүм алып кетем.

- Эки күн калды дегенде коркуп кетем, балким ошол эле күнү алып кетишсечи?

- Алар келгенче эле өзүм алып кетем, сен эртең саат жетиге даяр тур, машинаны алып келип дароо кетебиз.

- Чынбы? - Кыздын көздөрү жалжылдай түштү.

- Чын, сөзсүз биз бирге болобуз, айттым го сенсиз мен жашай албайм Сакиш, - Кыздын жүзүнөн аста өөп койду эле албырган жүзүн баса калды кыз.

- Зарылбек.

- Оов.

- Сен чын эле мени ушунчалык сүйөсүңбү?

- Жанымдан дагы артык сүйөм, сенчи жаным?

- Мен дагы, сенсиз кантип жашаарымды элестете да албай кетем, башка бирөөнү ойлогондо жүрөгүм кысылып дем ала албай көзүм тунарып кетет.

- Эч качан андай ойлобо, биз ар дайым, түбөлүккө бирге болобуз, атамдар дагы макул болушту, алар сени кызындай эле көрүшөт.

- Мен үйгө кирбесем издеп калышат, сен эми бар, - деди Сайра артын кылчак карай.

- Мейли, сен эми кире бер, - Экөө коштошуп эки бөлүнүштү, ал эми огород жактан чыга бергенде Авазбек алдынан чыкты:

- Кайда бардың?

- Эч жакка.

- Үйдөн чыкпа дебедим беле?

- Чыкса эмне болот экен? - Сайра жаман көзү менен карап ичкери кирип кетти, алардын сөзүн уккан Жибек күйөөсүн акшыя карап ары көздөй басты.

- Тилиң узарып баратат эй кыз.

- Тайке, мага сүйлөбөй эле коюңузчу, мен эми бала эмесмин, өз тагдырымды өзүм чечем.

- Жаакташпа жашабагыр, сенин агаларың менен эжең дагы мага тил кайрычу эмес.

- Эмне болду ботом? - Седеп чыга калды.

- Кызыңды кара эже, мени менен айтышып жатат, эми эле дагы жанагы ыймансыз менен жолугуп келди, элге уят кылмак болду го, бир-эки күн туруп турса болот эле го? - Авазбек эжесине капалана карады.

- Эми эмне кылайын, айтканыма болбоду го…

- Өзүң катуу айтпай көндүрүп койдуң, Аалыбектер укса шерменде болобуз, элдин кыздарындай эле зымпыйып жүрсө боло!

- Ачуулана бербе сагада, пешенесинен көрөөр…

- Эк, айтканды укпаса өзү билсин, кийин ыйлап келип сени кыйнабаса болду, - Авазбек ары карай басып кетти. Кечинде дасторкондо отурганда сөз уланбады, алар эми жатканы калганда Темирбектер келип калды, эртеси түшкө жакын Керимбектер үй-бүлөөсү менен келди, эне кубанып неберелерин өөп жыттап эркелетип оңуп калды, Авазбек козу алып келип конок кылмакка союп казанга салып коюп бакылдашып отурганда Сайра акырын саатты карап туруп сыртка чыгып эки жакты карап кайра кирди, бир аздан кийин машинанын үнүн угуп саал мууну калтырай өзүн кызыктай сезип апасын бир карап алды да: "Чын эле төрөлүп өскөн уямдан кетип жатамбы, кыз баланын өз эли, өз жери башка тура, кечир мени апаке, тилиңди албай кетип баратам, бактылуу болоор бекенмин", - деп кылчаңдай сыртка чыгып дарбазаны көздөй басты. Сөзгө алаксыганга анын артынан эч кимиси деле чыккан жок, короонун четине токтогон машинадан Зарылбек менен эки бала чыгып келе жаткан экен, жетип келип эле Сайраны колдон алды Зарылбек:

- Бол эрте, бирөө чыга калбасын.

- Зарылбек, шаардан акемдер келишкен, коркуп жатам.

- Кайра чогуу болуп жакшы болуптур, - деп болбой эле жетелеп барып машинага отургузду да жөнөй беришти, ошол кезде Эмирден улуусу Элдар менен Темирбектин баласы ойноп жүргөн, көрүп калып жүгүрүп үйгө келишти.

- Сайра эжемди ала качып кетти!

- Сайра эжемди алып кетип калды!

- Ким, ким алып кетти? - Жибек аларды утурлай басты, - Тааныйсыңарбы?

- Мен тааныбайм, - деди Темирбектин баласы мурдун шор тарта.

- Мен аны тааныйм, - деди Элдар.

- Ким?

- Зарылбек акелер турган жана.

- Шерменде! - деп алды Жибек, - Ошону кылмак, кыздын өзүндө да, кой эми эмне болот? - деп үйгө кирди, - Эже, кыз күйөөгө качып кетти, эмне кылабыз?

- Эмне дейт ботом, качан кимге? - Седеп келинин ормое карады, Авазбек менен Темирбек ызырына тура калышты:

- Нуралынын эле баласы да, ким болмок эле?

- Кеттик, моюнун кайрып коеюн, аерге отургузбай алып келишибиз керек.

- Балдар, акыл менен иш кылгыла эми, анчалык болгондон кийин этияттап, байкап иш кылбасаңар болбойт, кыз өзү көңүлдүү болсо жаман көрүнүшүп калбагыла, - деди Седеп ойлуу, салмак менен сүйлөп.

- Апа, ошого кыз беребизби, аял кетирген неме болсо…

- Өз эрки менен кетсе аргабыз барбы балам?

- Бол кеттик! - деди Авазбек шашыла. Экөө Темирбектин машинасына отуруп алып жетип келишти, Зарылбек болсо чөп үймөктүн артына басып кетти, Нуралы менен эки бир тууганы, коңшулары болуп, катын-калач жарданып калышты, адегенде Темирбек түшүп эле тургандарды жирей ичкери карай жүткүндү, артында Авазбек, кой ай дегендерди түртүп баратышат.

- Кана жанагы катынпоз, тапкан экен алчу аялды, чыгар менин карындашымды!

- Алып чыккыла, биз аны биерге калтырбайбыз!

- Балдар, сабыр кылгыла, кыз өз көңүлү менен келди, зордоп алып келген жок, бири-бирин жактырат экен, - деди Нуралы жакын келип.

- Кереги жок мындай акылман сөздүн, колубузга салып бергиле!

- Таш түшкөн жеринде оор дейт, кыз баланын насиби түшкөн жерге тим кой балам, - деди дагы бири.

- Кое бергиле кызды, кана каякта? - деп Темирбек үйлөрдү кыдырып улам бирин ачып жатып көшөгөдө отурган Сайраны көрүп жетип эле колдон алды, - Бас, бул жерге сени калтырбайм!

- Аке, мен келген жеримден кетпейм, - Сайра ыйлап ийди, - Андан көрө атамдын ордуна атамдай болуп ак батаңды берип кет аке?

- Эмне?! - Темирбек карындашын жалт карады, ошол убакта Авазбек дагы босогого келип калган, аял-эркектер да жарданып туруп калышкан эле.

- Атам болсо башкача болмок, сиз менин улуу агамсыз, эми мени кечирип, ак батаңызды берип кетиңиз аке, - деди Сайра жоолугу үлпүлдөй жүзүн жапкан бойдон ыйлап жерди карай.

- Болду! - деп Темирбек карындашынын колун кое берди, - Болду карындашым, ак батабыз сени менен, бак-таалайлуу бол! - деп колун бетине тартып кызды колунан секин алып кайра ордуна алып барды да отургузуп чекесинен өөп алып шарт бурулуп чыгып кетти, Авазбек үндөбөй артынан жөнөдү:

- Кудалар, кулдугубуз бар, отуруп конок болгула.

- Киргиле кудалар.

- Кирсеңер боло айланайындар, - деген аял-эркектер менен Нуралы, Канымжан болуп ээрчий басышты, аларга жүз буруп карабастан машинага отуруп кетип калышты.

- Айланайын, Сайранын эси бар экен, агасын сүйлөтпөдү, бактылуу болушсун айланайын, - деп шыпшынып калды Нуралынын жеңеси Касийпа.

- Ооба десең бечера, жакшы болбодубу ботом, жетелеп кетип калса эмне болот эле, кой эми кууп келип калышпасын даяр тургула, - дешип өздөрүнчө дүрбөлөң болуп калышты. Темирбек үйүнө келгенче үн катпады, Авазбек ага нааразы болуп турду, экөө сүйлөшпөй машинадан түшкөндө эле Жибек менен Седеп аларга кайрылды:

- Эмне болду, кызды алып келген жоксуңарбы?

- Сайра болбой койдубу балам?

- Ооба, калтырып келдик, - деди Авазбек кабагын чытый, - Өздөрү билет экен да.

- Апа, кызың мени уят кылды, элдин көзүнчө алып баса бере албадым, - деп жер карады Темирбек, - Мейли бактылуу болсун, каалаган адамынан тартып алсак болмок беле? - Шалдая үйгө кирип орун алышты.

- Ушундай болоорун билгемин, - Седеп оор үшкүрүп алды, - Бак айтсынчы жараткан, эми Майраны чакыргыла, жакын туруп бир келип кетпейт тобо-о, балдарды жибер, тез келсин, кубалап барып келгиле, Өмүрбектер келгенде жакшы болбойт беле…

- Апа, Майра келсе эле бара бериш керекпи?

- Барбасаңар болбойт балам, туугандарды чакыргыла, бара тургандарды тактагыла, кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт деген бар балам, - Седеп уул-келиндери менен Авазбекти карады.

- Мен барбайм, - деди Авазбек.

- Апей ботом, ал эмне дегениң кокуй, көздөй тагасы болсоң, балдардын эң сакалдуусу сенсиң садага, Жибек экөөңөр тең барасыңар, - деп Седеп бүтүм чыгарып койду, аңгыча Майра күйөөсү менен келип баары топтолуп калышты. Нуралы жалгыз баласынын кадыры үчүн кудаларын жакшы тосуп абдан сыйлап, алдына жыйырма миң сом коюп, кийит кечени адемилеп кийгизип узатышты. Авазбек ичинен сызып жээнине нааразы болуп жүрдү, Сайра тагасынын таарынычын сезип эле калган, бирок ал өзү тандаган тагдырына ыраазы. Жүрөгү каалап, жан дили менен сүйүп кошулган жары менен бактылуу…

Өмүрбек шаарда күндүзү иштеп, кечкисин окуп Айжамал экөө жашап жатышкан, Айжамал дагы акыркы курсун бүтөөр жылы бир окуу жайга секретарша болуп иштеп калды. Ага Өмүрбек каршы болуп иштеткиси келбеди, кызгандыбы же окуусун бүткөндөн кийин өз кесиби менен иштесин дедиби ким билсин. Айжамалдын күндөн күнгө кыял жоругу башкача болуп бараткан.

- Айжамал, үйлөнгөнүбүзгө бир жылдан ашып баратат, качан балалуу болобуз? - деди бир күнү Өмүрбек төшөктө жатып.

- Өмүрбек, азыр экөөбүздүн үстүбүздө үйүбүз болбосо, иштеген ишибиз болбосо, баланы кантип бакмак элек?

- Сен антпе, апам турбайбы, ал неберелүү кылсаңар боло деп күтүп жүрөт, бала багылбай калмак беле?

- Койчу жаным, азырынча балалуу болбой эле туралычы, жаш эмеспизби, акыры болот да, - Айжамал жасакерлене кучактап калды, - Өтө жашыбызда балалуу болгондо эмне, окуп-иштеп алалы, - деди ичке аппак колдорун күйөөсүнүн мойнуна ороп.

- Сен мени капа кылып койдуң Айжамал, - Өмүрбек ары бурулуп кетти.

- Койчу эми, таарынбачы жаным, эми заказ беребиз ээ макулбу?

- Ушу бүгүн заказ беребиз, - Экөө кучакташып төшөк ичинде кумарлуу кучакташып жытташып калышты. Эртеси Айжамал жумушуна отураары менен начальник аны кирип кет деп чакырып калды, боенуп жасанып алган Айжамал күзгүгө каранып алып киргенде Арзымат Алиевич ордунан тура калып:

- Кел-кел Айжамал, иш кандай? - Келинге жете келип кош колун сунду.

- Саламатсызбы Арзымат Алиевич?

- Баары жайында, бүгүн жумуштан кийин бир жерге барып чай-пай ичпейлиби? - Арзымат Алиевич жылмая келиндин колунан өөп койду, - Сен макул болсоң абдан бактылуу болмокмун Айжамал.

- Менин… менин күйөөм бар экенин билесиз да агай, - Айжамал кылыктана көзүн сүзүп койду.

- Эми, эми ал башка иш, менин да үй-бүлөөм бар, бир аз отуруп кайтабыз, өзүң билесиң жумуштан чарчап жатабыз, - сенин көңүлүңдү көтөрүп койсомбу дедим эле.

- Байкап көрөйүн агай, убакыт келе берсинчи, - Айжамал кылыктана карады, - Башка сөзүңүз жокпу, бирөөлөр күмөн санап калбасын?

- Бара бер, - Арзымат Алиевич көзүн кыбыңдата сырдуу карап башын ийкеди, - Жумуштан кийин сени жолдон күтөм, жарайбы Айжамал?

- Жарайт агай, - Айжамал чыгып кетти, жаңыдан жумушка киргенден эле көзүн албай караганын байкап өзү дагы кош көңүл эмес экенин сезген, Арзымат Алиевич буурул чач, көзү бакырайган кара каш, сулуу адам, кыз-келинди көргөндө өзүнөн-өзү көзү жайнап кетет. Эми Айжамалды дагы өз кылтагына илинтүүгө аракет кылып калган кези эле, Айжамал жаш болсо дагы максатын ишке ашыруунун амалын ойлонуп Арзымат Алиевичтин сунушунан баш тартмак эмес. Алар ошол күнү кең-кесири отуруп сүйлөшүп, тамактанып отурушту, андан кийин үйүнө жеткирип коюп кетти. Ал үйгө кирээри менен эле Өмүрбек ачуулуу карады.

- Каякта жүрөсүң, ишиңе барсам чыгып кетипсиң, үйгө келсем жоксуң, каякка бардың?

- Кайда бармак элем, чогуу иштеген бир кыздын туулган күнү экен, бир аз кечигип калдым.

- Анда айтып койбойт белең, телефон турат го?

- Шашып калдым, эмне болуптур? - Тастаңдай ашканага кирип кетти, Өмүрбек өзүн күнөөлөп: "Чыдамсыздыгымды кара, иштеген жердегилерден чыкмак беле, жөн эле кызгана бергеним болбос", - деп ойлонуп отуруп калды. Айжамал тамак жасап алып келди, Өмүрбектин карды ачып турган, лапылдата ичип бүтүп караса Айжамал ойлуу гана тамак ичпей отуруптур:

- Сен эмнеге ичпей отурасың?

- Жүрөгүмө барбай жатат.

- Неге? - Таңгала көңүл буруп карап калды.

- Кайдан билем? - Айжамал жактырбай ары карады, - Сен мени минтип уруша берсең жүрөккө барабы? - Кекете карады, - Эркектерди сүйлөшүп жүргөндө билбейсиң, болбосо кайсы кыз сендей кызганчаак күйөөгө тийгиси келсин?

- Эмне болуп кетти деги?

- Сенин казып сураганың кызганчактыгың эмеспи?

- Эмнеге кызганмак элем, жумуштан убактысында келсин дегеним эле, караңгыда жүрө берген кантип болсун?

- Иштебей үйдө отурганда элдей болуп кийимге, тамакка жете турган акча таптыңбы, окууңду бүттүң, иштээр ишиң жок отурасың, азыр кадр өстүрүү деген жок, сен пара берсең анан кызматка турасың, а кызматың болбосо сен кимсиң, билдиңби ушуну? - Айжамал колун көтөрө сөөмөйүн чычайтып алып сүйлөп жатты.

- Эмне болду анчалык? - Өмүрбек келинчегин таңгала карады, - Ошончо ачууң келдиби сурап койгонума.

- Анан эмне эле такып сурайсың?

- Анда келдиңби-кеттиңби деп көңүл бурбай коеюнбу?

- Такыба, эби менен сурап билип жүр! - деп жатчу бөлмөгө кирип кетип калды. Өмүрбек башын чеңгелдеп отурган ордунда кала берди: "Эх жашоо-жашоо, дагы мен көрө элек кандай табышмагың бар, Айжамалдын мындай кыялы мурун эле бар окшойт, бир жылдан бери минткенин көрбөпмун", - деп ойлонуп көпкө отурду. Ошондон баштап алардын ортосу суугандай болду. Айжамал эки күндүн биринде эле туулган күндө же бир банкетте, чогулушта, маанилүү жолугушууда болуп үйгө өтө кеч келип эрте кетчү болду. Өмүрбектин чыдамы кетип дагы бир күнү күтүп отуруп ал кирээри менен:

- Кайда жүрөсүң? - деди бетинен түгү чыга ачуулуу.

- Эмне болду, дагы жиниң кармадыбы?

- Сен менин аялымсыңбы же кимсиң?

- Аялың болсом эмне экен?

- Эмесе мындай, сени менен ажырашам!

- Ыя?!

- Жетет, мен мындан ары чыдай албайм.

- Жарайт, ажырашса ажырашабыз да, - Айжамал кайдыгер гана басып ашканага кирди.

- Тапкан акчаң жок, бир айдан бери эмне алып келдиң, үйдө ичээрге эчтеке калбады, ким үчүн иштеп жатасың?

- Өзүм үчүн, мен аспирантурага кирем.

- Аныңа талаш жок, андай эле илимпоз болгуң келсе айт, мен дагы жардам берейин, бир эрди-аялдай болбой эле чоочун адамдардай жашап калдык го? - Өмүрбек аялынын артынан кирди, - Сенин эмне оюң бар деги?

- Эч кандай.

- Анда иштебейсиң.

- Ал жөнүндө ойлобо дагы.

- Сенин мени менен жашай турган оюң болбой калган го?

- Кандай ойлосоң ошондой.

- Эмне? - Өмүрбек Айжамалды өзүнө каратып туруп бет талаштыра чаап ийди, - Кана айтчы, сен үчүн баары бирби?

- Эмне болуп жатасың эми? - Жүзүн калкалай калды.

Өмүрбек жиндене кийимдерин чогултуп чемоданга салды да Айжамалдын маңдайына келди:

- Ата-энеңе өзүң жооп бересиң, күнөөңдү айтып ажырашууга дагы өзүң бересиң, болбосо абийириңди төгөсүң уктуңбу?

- Өмүрбек, ал эмне дегениң, кайсы күнөөмдү?

- Өзүң билесиң, мен кеттим, - деп бөлмөдөн чыгып кетти, Айжамал томсоргон бойдон кала берди, же ыйлай албай, же күлө албай туруп калды. Бирок баары кеч болуп калган эле, ал түнү эптеп жатып жумушуна келди, көңүлсүз отурганда Арзымат Алиевич чакырып калды.

- Чакырдыңызбы? - Эшикти кыңкайта ачып сурап туруп калды.

- Айжамал, эмнеге туруп калдың, кир бери.

- Иш көп Арзымат Алиевич.

- Мейли, бүтпөгөн иш барбы, баары бүтөт, адамдын бир өмүрүнөн ашат жумуш деген, канчалык жан далбас кылсак деле биздин артыбызда көп жумуш калат. Андан көрө күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин дегендей ойноп-күлүп жакшы өмүр сүрүү керек Айжамал, - Арзымат Алиевич келиндин жанына келип колунан алды, - Келчи периштем, андан көрө көңүлдү көтөргөндү, эс алганды унутпайлы, - деди да келинди имере кучактап алып моюнунан жыттап-өөп кирди:

- Арзымат Алиевич, бирөө кирип келет.

- Эчтеке эмес, азыр мурунку Компартиянын мезгили эмес, Демократиянын күнү тууп турат, - деп эшикти бир колу менен бекитти да келинди көтөрүп өзү отурган креслого алып келди, - Шириним десе, бир жыргап алалычы, мен баарын алдырып койгомун, - деп анын ары жагындагы бөлмөгө алып кирди.

- Жолугушууңуз боло турган эле…

- Аны токтотуп койгомун, сени сагынып кеттим, негедир кайра-кайра көргүм келип баратат, аялымды көргүм келбей баратат, сыйкырың бар жансың периштем, - Сугалактана диванга баса калып өпкүлөп анан өйдө болду, - Эми сага бир камдаган "сюпризимди" көрсөтөйүн, - деп ары жактан гриль менен вино алып келди.

- Арзымат Алиевич, менин эч нерсеге көңүлүм жок.

- Азыр, азыр баарын жайгарабыз, көңүл чөксө көтөрөбүз, кабатыр болбо жаным, - Моюн созо жаагынан өөп койду, ошол кезде Айжамалдын көңүлү айнып кускусу келип кетти, оозун басып кол жуугучка жетти: "Эмне болуп турам, тамактын жытына ушинтип жатамбы, бузулуп кеткен эмеспи, мындай болчу эмес эле", - деп окшуп алып бети колун жууп кайра келип отуруп калды.

- Менин табитим жок, ооруп калсам керек, - деди Айжамал.

- Эмне болуп жатат, каериң ооруп калды?

- Жөн эле жүрөгүм айланып жатат.

- Эчтеке эмес, бул тамактардан ичип карын кампайткан соң кетип калат, эртең менен ачка чыксаң керек? - деп Арзымат Алиевич жанына отуруп грилди бузуп, вилка менен рюмкадагы винону колуна карматты, - Кел эми, экөөбүздүн жакшы мүнөттөрүбүз үчүн алып ийели, оюма койсо сенин жаныңдан карыш да чыккым келбей баратат, - Колунан өөп жаагынан жыттап алды, - Мени бакытка бөлөп жашартып койдуң алтыным.

- Коюңузчу? - Айжамал жүзүн ары буруп кетти.

- Эмне болду сага, айтчы берекем?

- Күйөөм таштап кетти.

- Эмнеге?

- Бир нерсени байкап калгандай…

- "Проблема нет", сени кундуздай гана сүлкүлдөтүп багып алам, кел эми алып ийели.

- Көңүлүм айнып жатат, ала албайм.

- Койчу эми, ушуну алып ийсең оңоло түшөсүң.

- Жок, ала албайм, мени кечириңизчи, - деген келинге болбой жатып алдырып ийип грилден сугунтту.

- Алтыны, периштеси экен да, эми эс аласың, эч нерсе эмес, баары өтүп кетет, - деп кайрадан кучактап өөп келиндин мурункудай өзүнө берилбегенин байкап, - Айжамал, күйөөңдүн кеткенине капасыңбы? - деди акырын.

- Жок, менин боюмда бар болсо керек?

- Ыя?! - Арзымат Алиевич чоочуп кетти.

- Эмнеге чоочуп кеттиңиз?

- Жо-жок, чоочуганым жок, - деп Арзымат Алиевич винодон куюп өзү жутуп жиберди, - Күйөөң билеби?

- Жок, анын билишин каалабайм.

- Неге, атасы эмеспи, айтууң керек.

- Анын баласы эмес!

- Кантип? - Арзымат Алиевичтин көздөрү чакчая түштү, демин ичине алып Айжамалды тилден калгандай карап туруп калды.

- Биз бир айдан ашык убакыттан бери бирге боло элекпиз, ал мени кызганып таарынып жаныма жолобой жүргөн, - Айжамал бир саамга унчукпай турду да, - Менин да ага көңүлүм жок, экөөбүз ошондуктан ажырашып кеттик, - деди.

- Ка-ап, үй-бүлөө бузулган жаман, мени кечир, - Арзымат ордунан туруп аркы-терки баса баштады, - Эми кайра жарашсаңар болбойбу?

- Эмнеге минтип жатасыз, бала сизден экенин жакшы билесиз, күйөөмө эми кайра бар дегени турасызбы, күндөп-түндөп жүргөндө эрте кетүүм керектигин айтсам жөнөтпөй кармаган сиз эмес белеңиз? - деп Айжамал жини келе айтты.

- Айжамал, сен мени түшүнчү, менин бала-чакам бар, аялым болсо академик, мен анын жүзүнө кантип карайм, - Арзымат Алиевич Айжамалга аста сүйлөп, жумшак түшүндүргүсү келди, эби келсе ушул сааттан эле жумуштан чыгарып биротоло өзүнөн алыстаткысы келди, бирок Айжамалдын тажаалданып туруп алганы аны тайсалдатып койду.

- Ооба, аялыңыз академик, окумуштуу экенин айткансыз, мени дагы аспирантурага кирүүгө жардам берем дегенсиз, эми баары башкача болуп калды, - Айжамал көз жашын төгүп мууна түштү, - Эгерде ошонун баары куру сөз экенин билгенде күйөөмдүн көзүнө чөп салбай айтканы менен болуп жашамакмын.

- Айжамал, кызуулануунун пайдасы жок, акыл менен иш кылып ойлонуп чечели, сен азыр үйүңө бар да врачка көрүн, аныгын билип анан мага кел, - деди Арзымат Алиевич жумшак сүйлөп.

- Качантан бери кабинетиңизде отуруп эми чыга калсам эмне дешет, балким сизди жок дешкендир, менин жүзүмдү карайткыңыз барбы?

- Макул-макул, бир-эки саат отура тур, баары кеткенде кетели, - деп башын эки колдоп мыкчып отуруп калды, Айжамал солкулдап, көз жашы көл болуп ыйлап жатат, көптөн кийин Арзымат Алиевич анын жанына отуруп кучактап үнсүз көпкө отурду, ал ушул кезде бир ойду ойлоп турган, келинди сооротуп анан ага эңиле калып жүзүн өзүнө бурду, - Капалана бербе, бир амалын табабыз.

- Капаланганда эмне, күйөөм бар, төрөп алам, бирок өзүм сүйүп тийген күйөөмдөн ажырап жалгыз калганым жаман, акылсыз аял экенимди эми түшүнүп олтурам, - Улутунуп алды.

- Эгерде сени чындап сүйгөн болсо ал сага келет.

- Ал эми мени кечирбейт.

- Боюңда бар экенин уксачы? - Сынай сурады.

- Өзүмдүн жүзүм чыдабай жатпайбы, кантип сенин балаң деп айтам, мен өз сүйүүмө кара санадым, мага чала, - деп ыйлай берди.

- Кел, кардыбыз ачты, тамактанып алалы, көп эле ыйлай бербе, бул күндөр да өтөт, камыгып кыйналганда эмне, өз-өз ордуна келет, - деп кайрадан тамактанып отурушту, винодон ичип заматта эмелеги болгонду унутуп кызуу болуп кечтин киргенин байкабай диванда кучакташып жатышты: "Эмнеге азгырылдым экен, Өмүрбек эми мени кечирбейт, эгерде баланын өзүнүкү эмес экенин билсе мага өмүр бою кечирим кылбайт", - деп ойлонуп кыжаалат болуп жатты. Экөө түн бир оокумга чейин отуруп анан Айжамалды үйүнө жеткирип коюп кетти Арзымат Алиевич, үйгө кирип аңгырап калганын сезди, экөө жатчу диванга келип чечинбей көмкөрөсүнөн түштү да солкулдап ыйлап жатты. Ал бүгүнкү Арзымат Алиевичтин чоочуп, өңү бозоруп кеткенин эстеп жүрөгү канап, ошондон берки ызасын чыгара боздой берди: "Мен акмакмын, Өмүрбектин жумшактыгынан ажырадым, эми апам мени эмне дейт, балалыктан кечип коет го, ал эми атамчы, ал үйгө киргизбейт, Өмүрбекти жакшы көрчү, мени Өмүрбек кечирбейт", - деп ойлонуп ыйлап жатты. Качан көзү илингенин сезбей дагы калды, эртеси таң аппак атканда ойгонуп: "Врачка көрүнүп алып анан жумушка барайын", - деп туруп жуунуп, таранып үйдөн чыгып аялдар врачына жөнөдү, ал көрүнгөн врач ага:

- Үч жумалык боюңузда бар, - деди жылмая.

- Кантип?

- Ушинтип эле, үч жумадан дагы чоңураак, кубана бер чоң кыз.

- Жакшы, рахмат сизге, - Айжамал шалкы бош туруп жөнөдү, жумушуна келсе ордунда бир кыз отуруптур:

- Келиңиз, сизге ким керек? - деди ал кыз шыпылдай ага кайрылып.

- Мм… бул жер менин ордум, сиз кимсиз?

- Кечиресиз, мен жаңы жумушка чыктым, сизди бошоду деп айтпады беле?

- Арзымат Алиевич ордундабы?

- Ал киши бир жакка чыгып кетти эле…

- Мен али жумуштан чыкканга арыз жаза элекмин! - деген Айжамал шефтин кабинетин көздөй жулкуна басып жетти да калганы такылдатпай эле шарт ачып кирип келсе ал бир келин менен отуруптур.

- Кел-кел Нурдинова, кел эмне болду? - деп ордунан тура калды Арзымат Алиевич.

- Менин сизде зарыл жумушум бар эле.

- Бир аз тура тур, бу кызды жөнөтүп коеюн.

- Жарайт, мен ордумда болом, - деди Айжамал басып баратып, Арзымат Алиевич кайсактап эч нерсе дей албай отуруп калды, Айжамал ордуна келди да, - Жаңылыштык кетиптир чоң кыз, балким башка жагына иштээрсиң, азыр орунду бошот, - деди тикирээ.

- Эже, мени ушул жерге отурасың деген.

- Анда бошсуң, бара бер! - деп жанына келгенде ал кыз туруп ары барып туруп калды: "Карасаң муну, эримден да ажырап, ишимден чыгып калышым керекпи, мени оңой эле кубалап салгысы келген экен да", - деп ойлонуп отурганда Арзымат Алиевичтин кабинетиндеги келин чыгып кетти. Туруп дароо эле кабинетке кирип барды.

- Кел отур, сүйлөй бер, - деди ойлуу ручкасын кармалап.

- Сүйлөшкүңүз келбей калдыбы? - Айжамал мыскылдуу жылмайып бутун кайчылаштыра башын ийкеңдетти, - Демек сиз үчүн бат эле экен да, өмүрүңүздө бир адамга боор ооруп, кийинки жашоосу жөнүндө ойлодуңуз беле? Же кааласаңыз кучагыңызга кысып куурчактай ойнотуп, каалабасаңыз таштандыга ыргытып жиберип коркпой жүрө бересизби?!

- Айжамал, сен эмне деп эле жатасың? - Арзымат Алиевич кызаңдай карады, - Деги эмне болуп жатат?

- Кечээ бирди сүйлөп, бүгүн менин жогумдан пайдаланып иштен айдап салгыдай сиз кудайсызбы?

- Ал менин ишим…

- Эч кандай ишиңиз эмес, мен билимсиз жолдо жүргөн аял эмесмин, сиз кубалап салсаңыз эле басып кеткидей.

- Кудай жалгагыр, токтот дейм, мен эч кимден сурабайм, кааласаң башка жактан иш таап ал!

- Ошондойбу? - Айжамал ордунан туруп Арзымат Алиевичтин жанына келди, - Мен анда сизди сотко беремин, зордоп койнуңузга тартып, күйөөмдөн ажыратып туруп иштен кубалаганыңыз үчүн жооп бересиз!

- Күйөөңө барып айт.

- Күйөөм намыскөй эркек, башка менен жүргөн аялдан баш тарткан, сиздин аялыңыз ушинтип жүргөнүңүздү билсе сизден сөзсүз баш тартаары бышык, - Айжамал мыскылдуу жылмайды, - Же андай эмеспи урматтуу шеф?

- Айжамал, сенин тилиң узарып кетти, - Арзымат Алиевич көзүнөн заар чачырата карады.

- Мени жашоо үйрөттү. Сүйлөөгө жарадым, а сиз мендей канча аялдын көз жашын агызып, жүрөгүн канаттыңыз экен, мен ошол аялдардын өчүн сизден аламын, жалгыз өзүм эмес, - Айжамал колун ичине алып барды, - Мына бул жарык дүйнөгө келгиси келип ашыга түйүлгөн наристе экөөлөп.

- Айжамал! - Колун көтөрүп уруп жибере жаздап токтоду, колдору калчылдап, өңү кара-көк болуп кетти.

- Уруңуз, ачууну сыртка чыгарыңыз, - Айжамал жинди болгон немедей күлүп кирди, - Кана, ургуңуз келди беле?

- Айжамал, токтот кудай жалгагыр, не каалаганың бар айтчы? - Аргасы кете аны карады, - Суранам, өз ордуңда иштей бер, кааласаң башка орун берейин.

- Мына-мына, эми акылга келдиңиз, - Ары басып орундукка отуруп жаагын таянып отуруп калды, Арзымат Алиевич дагы ордуна отуруп эки колу менен башын чеңгелдеп отурганда эшик такылдап калды.

- Кир, кире бергиле, - деди Арзымат Алиевич.

- Саламатсызбы? - деп жаш жигит кирди.

- Мен өз ордумда болом, орун которуу боюнча өзүңүз ойлоноорсуз? - Айжамал узун буттары кыска юбкадан аппак болуп булайтып койкоңдоп басып кабинеттен чыгып кетти. Ошондон көп өтпөй эле Айжамал фирманын башкы бухгалтери болуп иштеп калды, эрте кетип кеч келет, бир күнү келсе апасы Айымкан келип күтүп жатыптыр.

- Апа, качан келдиңиз эле? - деп кучактап калды.

- Чак түштө келгемин, сен жоксуң же Өмүрбек жок, экөөң тең эле дайныңар жок, - Айымкан кейий өйдө болду, Айжамал Өмүрбекти укканда жүрөгү селт этип алды: "Эми эмне деп айтам, кайда кетти дейм, эки айдан бери бир жолу кайрылып келип койбоду", - деп унчукпай апасын колтуктап ичкериге киришти.

- Апа, атам кандай жүрөт?

- Жакшы эле, өзүңөр кандай жашап жатасыңар, Өмүрбек дагы иштеп жатабы?

- Ооба-ооба апа, атам оорубай эле жүрөбү? - Айжамал сөздү башкага буруп кетти, акемдер кандай, неберелериңиз менен отурасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, баары эле жакшы, - Айымкан үшкүрүнө отуруп калды, - Чарчадым, акыйып жол карап отурганымды айт.

- Иш ошондой да апа, мен чай алып келейин, кардың ачкандыр апа.

- Эмнеси болсо да аман-эсен бактылуу өмүр сүрсөңөр болду, тиги куда-кудагыйлар каттап жатабы?

- Көптөн бери келише элек, өткөндө Өмүрбек апасынан акча алып келген, баягы кичүү кызы күйөөгө тийбедиби.

- Бактылуу болсун бечара, барган жеринен бак айтсын, кудагый бечара дагы балдарын жалгыз өстүрүптүр, эми ыраатын көрсүн, ээ Айжамал, Өмүрбек ушунча кеч келеби?

- Ооба апа, кээде ишине жараша келбей да калат, - Айжамал калп айтып жиберди.

- Ийи кокуй, түндөсү да иштешет бекен? - Айымкан кызына ормое карады.

- Ошондой, жумуш көп болгондо түндөп иштешет апа, - Кайсаңдай ашканасына кирип кетти. Ошол кезде эшик такылдап калды: "Ким келди, балким Арзымат Алиевич болуп жүрбөсүн", - деген ойдо жетип ача койду эле маңдайында Өмүрбек туруптур.

- Кандайсың?

- Жакшы…

- Үйдө ким бар?

- Апам, Өмүрбек апама эчтеке дебе, жумуштан келгендей бол, калган сөздү кийин сүйлөшөлү, - Айжамал шашкалактай Өмүрбекти карысынан кармай калды, - Анан сүйлөшөбүз Өмүрбек.

- Болду-болду, мен кайра эле кетмек болгомун, бир кагаздар кала бериптир, ошого келгем Айжамал, - Өмүрбек Айжамалды аяп кетти, кантсе дагы алгачкы сүйүүсүн арнаган эмеспи.

- Айжамал, келген ким, Өмүрбекпи? - деп Айымкан ичтен үн салды ошол кезде.

- Ооба апа, Өмүрбек келди.

- Садагаң кетейин десе, окуп иштеп кыйналдыңар го, эми окууңар бүткөндө баары жакшы болуп кетет.

- Кандайсыз апа, жакшы келдиңизби? - Өмүрбек келип кайненеси менен учурашып отуруп калды, - Атамдар жакшы жүрүшөбү?

- Кудайга шүгүр айланайын, баары жатышат, өзүңөрдүн жашооңор жакшыбы?

- Жакшы эле…

Өмүрбек ар кайсыны ойлонуп жатты, Айжамал аны кетирбей кармап калгысы келип турду: "Боюмда барын айтсам кетпейт чыгар. Мени сүйөт, мен аны сүйөм, жаңылышканымды айтпайм, билип коюптурбу, баланы өзүмдүкү деп ойлойт да ажырашпайт", - деп ойлонуп шыпылдай тамак жасап кирди, апасына уят кылбай келип калганына абдан кубанды, айрыкча кеч кирип бараткан сайын сурай берип тажатмак, кубана тамагын алып келгени менен күйөөсүн карай албай тайсалдап апасына карап сүйлөп жатты. Айымкан эки-үч күн туруп калды, Өмүрбек менен Айжамал бир бөлмөдө болгону менен жакшы сөзгө келе албады, үчүнчү күнү Өмүрбек кайненеси уктагандан кийин:

- Дагы канчага минтип жашырмаксың, эртең мен кеткенден кийин чындыкты айткын, баары бир ажырашканда билет да.

- Өмүрбек, сен мени укчу…

- Угуп бүтпөдүм беле, кандай эле жумшара түштүң?

- Сен мени уксаң, сен мага эмне дечү элең, эстесең ошону, - Айжамал кантип айтаарын билбей табышмактата айтты.

- Айтылган сөздүн баары кыял боюнча калды, баарына өзүң күнөөлүүсүң.

- Өмүрбек, сен мени кызганыш үчүн эле алдың беле?

- Сүйүп алгамын, түбөлүк бирге болобуз деп ойлогомун, тилек-оюмдун баары талкаланды, сага деген махабатым өчүп баратат Айжамал! - Өмүрбек жиндене кайрылды, - Сен мени башкага алмаштырдың?

- Өмүш, антип айтпачы, сен мени түшүнгөн жоксуң, - деп Айжамал ыйлап ийди, ал азыр алдыдагы келечек бактысы үчүн калп айтып болсо дагы, жалынып-жалбарып болсо да күйөөсүн кайрып алгысы келип турду, бирок бала кимден экенине башы жетпей боюмда бар дегенге оозу батпай турду.

- Эмнени, эмнеге түшүнүшүм керек?

- Менин боюмда бар!

- Эмне?! - Өмүрбек Айжамалды эми көрүп тургандай элээ карады, - Эмне дедиң?

- Эки айдан өтүп калды Өмүш, мен кош бойлуумун.

- Кыз-зы-ык, менин кеткениме эки ай болду, - Өмүрбек жаагын сыйпалай ойлуу аркы-терки басып жатты: "Эми эмне дейт, менин балам эмес дейби, анда канттим, үч ай болду десем болмок экен", - деп Айжамал чыдамы кетип көз жашы жүзүн жууп, санаасы санга бөлүнүп турду, - Демек кош бойлуумун дечи? - деди көптөн кийин Өмүрбек аялын ишенкиребей карап.

- Ооба, мен сени күтүп жаткамын, кош бойлуу экенимди айтмак болуп…

- Эмесе мындай, - Өмүрбек Айжамалдын маңдайына келип көзүнө тике тиктеди, - Мен сен төрөгөнчө бул жерде болом, экөөбүз бирге болбойбуз, бала төрөлгөндө текшертип менин балам болсо гана биздин никебиз бузулбайт, жок башка болсо сенин ата-энеңди менин апамды чакыртып туруп дароо ажырашабыз.

- Өмүш, ошончолукка барба, бала экөөбүздүкү, ишен мага.

- Убагында көрөбүз, уктап эс ал, - деди да өзү төшөктү көтөрүп балконго чыгып кетти, Айжамал ыйлаган бойдон сүйлөөгө кудурети жетпей ички арманы өзүн эзип жатып уктап калды. Эртең менен Айымкан эрте туруп камынып алып кыз-күйөөсүнөн көңүлү тына жөнөмөк болду, Айжамал чай берип, майда-барат белек-бечкекти чоң баштыкка салып Өмүрбек экөө таксиге салып коюшту. Айжамал ойлуу ишине барып кайра келип жүрө берди, кээ-кээде чогулуштарда эле беттешип калбаса Арзымат Алиевич менен беттешип калбаса баягыдай болбой калган, кээде үйүнө азык-түлүк алып келип таштап кетчү болгон. Айлыгы жакшы, ишинде өнүгүү бар, ошону үчүн Арзымат Алиевич анын ишине ыраазы болуп калган. Өмүрбек өзгөргөн жок, эрте келсе өзү тамак жасап ичип алып калганын коюп коет да жатып алат. Бир күнү айылда бирге окуган классташы Нурбек келип калды, ал экөө тамактанып, бир бөтөлкөнү ортого коюп отурганда Айжамал келди.

- Оо кандай аяш, акыбалдар жакшыбы? - Нурбек бакылдай.

- Жакшы-жакшы, келгиле…

- Келип калдык, бу инженерди ишке чакырып келдим.

- Келгениңер жакшы, - Айжамал ички бөлмөгө кирип кетти.

- Өмке, аяштын көңүлү жок го, урушкансыңбы?

- Жок Куке, ал кош бойлуу, бирде андай, бирде мындай боло берет экен го? - Өмүрбек жылмайып колун жая ички бөлмө жакты карап койду, ачуусу менен айтканына өкүнүп Айжамалга жакындагандан айбыгып жүргөн. Эми ичине бирдеме киргенде эптеп жарашып алгысы келип турду, бир аздан соң Айжамал чыгып чай коюуга киришти.

- Аяш, отур, жаныбызга, сүйлөшүп отуралы, мындай эмес элең, - деп Нурбек Айжмалга сүйлөп калды.

- Азыр, чай алып келейин.

- Чайды кой, андан көрө отурчу.

- Айжамал, мен алып келем чайды, сен отуруп Нуке менен сүйлөшүп отур, досум бир келип калса сыйлабасаң болбойт, - дегенде Айжамал Өмүрбекти бир карап алды.

- Мен газга коюп коеюн, - деп Айжамал ашканага кирди.

- Жүр Айжамал, чай кайнаганча, биздин кардыбыз ток, өзүң ачкадырсың, тамак бар, азыр ысытып берем, - деп артынан Өмүрбек келип калды.

- Отуруп тургула эми, мен азыр барам.

- Мени Нурбекке уят кылба, - деп артынан кучактап өөп койду, - Эч сыр бербе.

- Жарайт, жарыя кылгым келген жок, - Жүрөгү дүкүлдөп ээлиге соккон Айжамал кубанычтан ыйлап ийе жаздады.

- Жүрү, жүрө гой, - дегенде Айжамал сумсая Өмүрбек менен катарлаша басып бөлмөгө кирди, Нурбек ордунан туруп сыртка чыкты, Айжамал унчукпай отуруп калганда, - Сен ачка жүрбөшүң керек, жалгыз эмессиң, сен аркылуу дагы бир адам тамактанат, - деди колунан кармап.

- Качантан бери мени ойлонуп калгансың?

- Сени ойлогонумду сен түшүнсөң кана, айрыкча балалуу болоорумду ойлогондо өзүмдү жаман көрүп кетчү болдум, мени кечир Айжамал.

- Бала меники, башка бирөөнүн аны ойлогонго акысы жок, - деп жиндене түштү Айжамал, - Мен өзүм төрөгөн баламды өзүм билем, аны текшертпейм дагы, сага ошону айтмакмын, мындан ары бул үйдө сен же мен калышыбыз керек! - деп ордунан тура калды Айжамал.

- Айжамал, ачуулансам мен эркекмин, намысым бар эриңмин, мындан ары сен дагы мен дагы өз жолубузду биле жүрөнүбүз оң, - деп Өмүрбек жер карай аялын капалантпаганга аракет кылып аста сүйлөдү, - Болуптур, сен айткандай болсун, өзүмдүн эле балам экенине ишенем, болгонду унуталы да жашообузду уланталы…

- Өмүр бою сен мени күнөөлөп өтөөрүңө күмөнүм жок, ансыз дагы ушул өткөн төрт ай мен үчүн төрт жылдай болуп кетти, андай тозоктон көрө бири-бирибизди тынч койгонубуз жакшы.

- Айжамал, эсиңе кел, тынч жашайлы…

- Өмке кандай отурасыңар? - деп Нурбек кирип келди.

- Кайда кетип калдың, айтпай эле чыгып кеттиң, - Өмүрбек күлүп калды.

- Досум, буйруса балалуу болгону турупсуңар, атайы келип бир жакшылыгыңарга күбө болуп жатып майлабай кетсем болбойт да, - деп Нурбек койнунан эки бөтөлкө арак менен коробка шоколад алып чыкты, колунда бир тал роза гүлү жүрөт.

- Убара болуп базарга бардыңбы, тим койсоң болмок, - деп Өмүрбек сыпайычылык кыла ордунан турду.

- Убарачылыгы барбы, аяшым досума орун басаар таап бергени жатса жөн туруп алмак белем? - Нурбек күлүп эңкейе гүлдү Айжамалга сунду, - Куттуктайм аяш.

- Рахмат, убара болбой эле койбойт белең?

- Эчтеке эмес, аман-эсен көзгө көрүнсө дагы бир майрамдайбыз, - Барбалаңдаган Нурбек шоколадды дагы берип, - А бул Өмкем экөөбүздүн эрмегибиз, - деп койду да отура кетти.

- Рахмат Нуке, кудай буйруп көзгө көрүнсө чо-оң той беребиз го? - Өмүрбек кошумчалай Айжамалды астыртан карап койду. Үчөө көпкө отурушту, Өмүрбек шыпылдап тамак-ашты өзү алып келе коюп, чай куюп жатты, ан сайын Айжамал ага сумсая карап кадырын көтөрүп отурганы менен: "Кудайым мени кечири көр, мен туура кылып жатамбы, баламдын атасы Өмүрбек болгондой эле, эгерде башка болсо өмүр бою жүрөгүм зилдеп жүрүп өтөм го", - деген сары убайымда болуп турду. Бирок алар ошол күнү жарашып калышты, Өмүрбек ичинен өзүн күнөөлүү сезип: "Балким башка менен болгон эместир, кызганычтан өзүмдүн эмне кылганымды дагы билбей калдым окшойт, кой баламды төрөлө электе эле күмөнсүй бербейинчи", - деп ойлонуп калды. Айжамалдын тапканы жакшы, күзүндө окуу башталып кайрадан сабакка, андан ишке барып кыйналып кетти, акыры Өмүрбек өзү иштемей болду, кыйналыш башталып айылдан Седеп келгенде алар тамак-ашы жок отурган эле…

Зарылбек менен Сайра ынтымактуу жашап жатышты, ата-энесин сыйлап турат. Канымжан дагы келинге жакшы, кирсе-чыкса айланып-кагылып турат, булардын мындай ынтымагы канчага узайт эле кокус бир окуя болбогондо…

Канымжан уул-келининин ынтымактуу жашап жатканына кубанганы менен Сайранын боюна болбой жүргөнү жүрөгүн өйүп туруп алды: "Капырай, жыл айланып баратат, боюна болбойт да, жалгызымдын жалгыздыгын билгизбей бала-чакалуу болсо болот эле", - деп ойлонуп жүргөндө үйүнө бир келин келип калып Сайра аны менен сүйлөшүп отуруп калды. Ал классташы Элмира эле.

- Элмира, менин боюмда болбой жатат да, - деди ага Сайра сыр кыла.

- Акыры болот да, шашканда эмне, бир-эки жылдан кийин деле төрөсөң болот.

- Билбейм, Зарылбек жалгыз бала, эки эжеси бар, мен өзүм эле ойлоно берем, боюңа болгонду кантип билсе болот?

- Боюңа болгондо айыз токтоп калат, ошондо эле билесиң.

- Айыз дейсиңби?

- Ооба, ошону билбейсиңби, келеби деги?

- Мен билбейм Элмира, бирок уккам, меники келбейт…

- Эй, сен кызыксың го, аның келбесе сен төрөбөйсүң! - деп ийгенин Элмира өзү билбей калды.

- Чынбы Элмира, анда мен врачка көрүнүп көрсөмбү?

- Кечирип койчу, мен жөн эле айтып ийдим, чынын билбейм, сен врачка сөзсүз көрүн, мен көпкө отуруп калдым кетейин, - деп Элмира шашып ордунан тура жөнөгөндө оозгу бөлмөдө отурган Канымжан баарын угуп отурган, ичинен сызып калды, Элмира кеткенден кийин Сайра капалуу үйгө кирди. Канымжан үндөгөн жок: "Капырай ургаачынын айызы келбегени эмнеси, анда бу келин тукумсуз экен да, ка-ап баламдын арзып алганы төрөбөй калса эмне болот, Анипа менен жашап жүргөндө баламдын бактылуу жүзүн көргөн жок элем, эми минтип көңүлү көтөрүлүп, жашоого ыраазы болуп калганда бала көрбөсө кандай болот, төрөп түшкөн аялды кетирип күнөөгө баттыбы карангүн", - деп сары санаа болуп калды. Зарылбек айылдын ичинде үй курулуштарда иштейт, кечке иштеп кечинде келип тамактанып эле жатканга кирет, идиш аягын жууп тазалап бүтүп жанына келген келинчегин кучагына кысып рахаттана карап ар дайым айтканы "бактылуусуңбу жаным", - деген сөз. Бүгүн дагы экөө ээн калганда Зарылбек Сайраны кыса кучактап:

- Жаным, бактылуусуңбу айтчы. Капаланбай эле жүрөсүңбү, күндүзү жаныңда боло албайм, - деди.

- Аябай бактылуумун, сенчи алтыным? - деген Сайранын жүрөгү тыз-тыз этип алды, ал ушул кезде Элмиранын: "Айызың келбесе төрөбөйсүң", - деген сөзү оюна кылт дей түшкөн эле.

- Абдан бактылуумун, - Зарылбек келинчегин моюнунан жыттап-жыттап алды, - Экөөбүз түбөлүккө дал ушундан жазбай ынтымактуу жашайбыз, анан ортобузда ойногон балдарыбыз болсо аларды да жакшы адам болууга тарбиялайбыз ээ?

- Ооба… - Сайра не дээрин билбей калды.

- Эки кыз, эки уулдуу болобуз, кыздарыбызды өзүң тарбиялайсың, балдарды өзүм, аларды эң адамгерчиликтүү, адам кадырын билген, ынтымактуу балдарды өстүрөбүз, - деп Зарылбек сүйлөнүп жатканда Сайранын жүрөгү миң жеринен тилинип санаада болуп жатты, күйөөсүнө сыр билгизбегени менен унчукпай эркелешип жатып уктап калышты. Эртеси Зарылбек жумушка кеткенден кийин Сайра кайненесинен суранып апасына барды, ал кызын көрүп кубана тосуп алды:

- Кел кызым, үйдөгүлөрүң жакшы жатышабы?

- Жатышат, - Көңүлсүз жооп берди Сайра.

- Эмне болду кызым, көңүлүңдө кир бардай…

- Эчтеке апа, үйгө киреличи, - Сайра ичке кирген соң орун алды да апасына суроолуу карап туруп сырын айтты, - Апа, эми мен төрөбөй калышым мүмкүнбү?

- Капырай, өзүм төрөп өстүрүп ушунуңду байкабаган экенмин да, доктурга көрүнүп көрчү, - деди эне кызын аяй карап.

- Апа, чынында эле мен таптакыр көргөн жокмун да, кыздар айтса таңгалып калчумун, мындайын билгенде ошондо эле врачка көрүнмөкмүн, - деди көзүн жашылданта.

- Кабатыр боло бербе кызым, берээрин унутпасын жараткан, али жашсыңар, берем десе кулуна, белен кылат жолуна дейт, үмүтүңдү үзбө кагылайын.

- Билбейм апа, Зарылбек деле, апамдар деле унчуккан жок, өзүм эле корком, коңшубуздун менден кийин келген келининин азыр боюнда бар, ошолорду көргөндө өзүмдү айыптуу сезе берем.

- Андан көрө кудайдан тиле балам, кудай деген куру калбайт деген, - Седеп кызын жубата узатып койду, анан өзү курдуу бирдемени биле койчу аялга жөнөдү, жолдо баратып өзүнчө: "Капырай бул эмнеси, ургаачы айыз көрбөсө болбойт да, неге ошону байкабадым экен", - деп сары санаа болуп жетип келсе кезекке тургандар арбын экен. Күтүп көпкө отуруп калды эле бир жашыраагы:

- Эне, сиз дагы көрүнөсүзбү? - деди.

- Ооба айланайын.

- Анда кире бериңиз, мен сизге кезегимди берейин, - деп ары боло берди.

- Кудай жалгасын айланайын, көп жаша, - деп кирип кетти Седеп, кирип эле Марапат менен учурашып төргө өткөндө ал башын ийкей көзүн жумуп.

- Сен кызың үчүн келгенсиң го? - деди Марапат.

- Ооба, деги жакшы жышаана барбы?

- Сенин келээриңди билгемин, кызыңды мен үйүңө барганда эле көргөмүн, ал үчүн сени капа кылгым келбейт, бирок айтуум керек, Сайра бала көрбөйт.

- Эми эмне болот ошону айтчы?

- Күйөөсү аны катуу сүйүптүр, анын бир баласы бар тура, Сайра ошого аргасыз макул болот, кыскасы күндөшүнүн балдарын багып, ошону менен жашайт, - деди да айтып болдум дегендей көзүн жума теспесин тегеретип отуруп калды.

- Кантейин эми, колумдан келээр иш болсо кана? - деди да Седеп коштошуп чыгып кетти. Көп ойлонду, бирок пешенеге жазылган жазууну өзгөртүүгө болмок беле, тиричилик менен убакыт өтө берди, эки жыл өткөндө Анипа баласын ээрчитип келип калды, Сайра аны жакшы тосуп алды, алдына чай коюп, баланы өөп жаркылдап күлүп отурганда Зарылбек кирип келди. Ал Анипаны көрүп селдээ түшкөнү менен уулуна ичи элжирей кучак жайып келип өөп калды. Даниел болпоюп бештен алтыга карап калган курагы, Зарылбектен чоочуркап турду.

- Апа, - деди ал Анипага жүткүнө.

- Уулум, мен сенин атаң болом, - деп Зарылбек кучагына кысып өпкүлөгөн сайын Сайранын жүрөгү миң жеринен тилинип жатты.

- Зарылбек, менин келгенимди жаман көрбө, - деди Анипа көптөн кийин, - Даниелди силерге таштайын деп келдим, тагаларында өскөнчө өз туугандарында болсун дедим.

- Туура кылгансың Анипа, сага рахмат.

- Мен кечке базарда болом, жанымда жүрсө ысыкка, суукка урунат экен, оорутуп албайын деп алып келдим.

- Эң сонун, уулумду чоң ата, чоң энеси дагы сагынып жүргөн.

- Менин келип жолугуп турганыма каршы болбойсуңбу?

- Жо-ок, Даниел сенин да, менин да балам, качан келип көрүп, жолугуп кете берсең болот, туурабы Сайраш?

- Ооба, келип-кетип жүрө бергиле.

- Силерге рахмат, мен эми кетейин.

- Апа, мен дагы кошо кетем, - Даниел атасынын алдынан тура калды, - Мени таштаба апа.

- Балам, бул сенин атаң, мен келип турам, сен жакшы баласың да, ыйлабай атаң менен кала бер макулбу? - Анипа уулун эки бетинен өөп тынчтандырып жатты:

- Атам болсо сен эмнеге калбайсың? - деп Даниел айтканда Анипа Зарылбекти, Сайра экөөнү карады, - Атам болуп чогуу жашайбыз, сен дагы кетпе!

- Уулум, апаң иштеп жүрбөйбү, сен мени менен кал, - Зарылбек аны алаксытмак болуп сөздү бурду.

- Мен иштеп сага чоң машина, велосипед алып келем, сен ыйлабай жакшы бала бол, тил алып жүр ээ? - деди да Анипа уулун бекем кучактап өөп-өөп алып шарт бурулуп жөнөй берди, ошондо баланын көзүнөн мончок жаш мөлт эте апасын узата карап туруп калды. Ошентип тагдыр аларды бала аркылуу кайрадан жолугуштурду, дагы кандай болот аны көрө жатаарбыз, эми дагы бир окуяга баш багып кандай болгон тагдыр сыноосу экенинен кабар алалы…

Бактияр ата-энесинин кебин укпай тентек өстү, атасы Айылчы айылдын кадыр-барктуу эле адамы, апасы Бермет экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, баарын окутуп, үйлөнтүп өз-өз ордуна койгон, бакыйган чоң үй-бүлөө, Бактияр эң кенжеси, мектепти дагы жакшы окуган жок, балдар менен эки күндүн биринде урушуп-талашып, бирде келтек жесе, бирде бирөөнүн келтектеп чогулушка ата-энесин чакыртып жүрүп зорго тогузунчу классты бүттү. Ошол кезде ал алды-артын карабай турган кези, ал өзүнөн кийинки класста окуган Нагиманы балалык сезими менен жакшы көрө турган. Бирок ал ошол сезими жетилип чоң махабатка айланаарын билген эмес, Айылчы аны окутууга аракет кылды, бирок ал моюн толгоп болбой койду. Нагима он биринчи класста окуп жатканда Бактияр аны мектептен келе жатканда ар дайым акмалап жүрө турган болду. Бир күнү кыз окуудан чыгып узагандан кийин кимдир бирөөнү күткөндөй болуп туруп калды. Бактияр анын жанына келип:

- Нагима кандай? - деди жылмая.

- Жакшы, - Кыз аны жактырбагандай мурдун чүйрүп башын ары буруп кетти.

- Нагима, окууларың кандай?

- Жакшы, менин окуумда сенин кандай ишиң бар?

- Нагима, мен сени ар дайым көргүм келет…

- Эмне?! - Нагима көзүн алайта ирмегилей аны бир жек көрө карап туруп, - Сен өзүңдүн ким экениңди билесиңби? - деди мыскылдагандай.

- Эмне экенмин?

- Сен хулигансың, аңкоо десе, жаныма жолоочу болбо! - деп басып кеткенде Бактияр жүгүрүп алдын тосту:

- Нагима, сен антпе, мен эч кандай хулиган эмесмин, мен сени бала кезимден…

- Эй, сен кимсиң? - деген эркектин үнү артынан угулганда карай койсо сымбаттуу, узун бойлуу сулуучумак жигит келе жатыптыр, - Эмнеге жаш кызга тийишип жатасың?

- Ким тийишип жатат, Нагиманы мен башынан тааныйм, а сен өзүң кимсиң?

- Менби? - Жигит мыскылдуу жылмая Нагиманы жетип колдон алды, - Мен Нагиманын жигитимин, демек мындан ары тийишпей жүр! - деди да колтуктай басып кетти, Бактияр башын шылкыйта карап туруп калды. Анан тез-тез басып үйүнө келди да өз бөлмөсүнө кирип жатып алды: "Эмнеге Нагима мени хулигансың, акмаксың дейт, мен аны сүйөм, мен дагы аны сүйдүрүшүм керек", - деп көптөн кийин туруп алып күзгүгө келди. Өзүн-өзү күзгүдөн көрүп, жанагы көргөн жигитти көз алдына тартты: "Менин андан эмнем кем, мен деле сулуу жигитмин", - деген ойдо чачын тарап, кийимин алмаштырып кийип алды да көчөгө чыгып өзүнүн досу Акматка келди:

- Оох-хо, сен эмне тойго барасыңбы? - деди ал көрүп эле.

- Эмне болуптур, жарашпайт бекен?

- Жарашат, мурда минтип кийинчү эмес элең го? - деп күлдү Акмат, - Эмне бир жакка барасыңбы?

- Жок, андан көрө чачымды тегиздеп берчи.

- Албетте, кел отур, чач-тарачтардан артык эле жасап берем, - деп Акмат шыпылдай үйгө кирип тарак, күзгү менен кайчы алып чыкты, - Кана, кандай кылайын?

- Корочи азыркы модага ылайыктап жаса.

- Жарайт, - Акмат шыпылдай ишке киришкени менен: "Кызык, буга эмне болгон, чачын эмес кийимин жакшылап кийинчү эмес эле, бар кийимин кийбей эки-үч күндөп жүрө берчү, буга бир нерсе болгон, эмне болду экен", - деп ойлонуп алып чачын тегиздеп болуп күлүп калды, - Досум сен бирөөнү сүйүп калгандан соосуңбу?

- Сүйсө болбойбу?

- Жакшы, эмнеси жаман.

- Акмат, мени карачы, хулиганга окшоп турамбы?

- Жок-жок, азыр сен чыныгы жигитсиң?

- А мурдачы?

- Анда эми өзүң билесиң да, экөөбүз тең эле тентек болчубуз, эми бой жеттик да.

- Тентектик хулигандыкка жатабы?

- Ошондой деп ойлошот да досум, бирок биз хулиган эмеспиз, - Акмат Бактиярды далыга таптап койду.

- Мен мындан ары атамдардын айтканынан чыкпайм, керек болсо үйлөнүш керек.

- Токто-токто, сен үйлөнөйүн деп жатасыңбы? - Акмат аны таңгала карап оозун ачып калды.

- Үйлөнсөм болбойбу?

- Аскерге барыш керек, анан жаш үйлөнгөндө болбойт.

- Көрөм да, аскерден альтернатива менен алып калабыз деп жатышат, - деди Бактияр ойлуу, - Аскерге барбагандан кийин жүрө бермек белем.

- Өзүң билесиң дос, ата-энеңе үйлөнөөрүңдү айттыңбы?

- Жок, эми айтам да.

- Өз чечимиңе макулсуңбу?

- Неге болбойм, өзүм ойлондум, азыр кетишим керек, сен эч жакка барбайсыңбы?

- Кайда барабыз?

- Мен үйгө эле барам, - деди да Бактияр жөнөдү, аны артынан карап турган Акмат таңгалып калды: "Кимди сүйүшү мүмкүн, Бактиярды көргөндө кыздар алыстан кашчу эмес беле, эмне болоорун көрөөрмүн", - деп өз ишине киришти. Бактияр үйүнө келгенде Айылчы менен Бермет сырттагы сөрүдө отурушкан, бири-бирин карап кубангандай баштарын ийкей күлүмсүрөп тим болушту.

- Ата, мен силер менен сүйлөшсөм дедим эле…

- Эмнени, айта бер балам, - Айылчы аялына сырдуу карап коюп кайра уулуна бурулду, - Эмне айтайын дедиң эле?

- Ата, аскерден калтырам дегенсиз…

- Ооба, сүйлөшүп да койдум.

- Анда үйлөнө берсем болобу?

- Ыя? - Бермет чоочулай карады.

- Үйлөнөйүн дейсиңби? - Айылчы Бактиярды олуттуу карап аялына унчукпа дегендей белги берди.

- Ооба…

- Кимге?

- Сатыбалдынын кызына.

- Тиги Нагимагабы? - Бермет сурап ийди.

- Ооба…

- Эмнеге болбосун, ал кыз мектепти быйыл эле бүтүп жатат эмне дээр экен, кыз менен сүйлөштүңбү?

- Ата, өзүм сүйлөшөм, мектепти бүтөөрү менен эле ала качам.

- Ай балам, Сатыбалды менен сыйбыз, ала качканды ойлонбой жакшылап кеңешели, шашпай сен дагы сүйлөш, - деди Айылчы баласына ишенкиребей. Ошондон баштап Бактияр үйдөн чыкпайт, атасына жардам берип малын бадага кошуп, короо-жайын тазалап, керээли кечке тынбайт. Айылчы менен Бермет кубанып калышты: "Айтса айтпаса төгүнбү, тентек бала оңолбойт деп ким айта алат, уулум минтип акылына кирип калса чекесинен чертип кыз алып бербейинби, кадыр-баркым кудайга шүгүр", - деп ойлонуп мурутун сылай Берметке карады эле ал күлүп:

- Эмне болду атасы, күлгөндүн билгени бар дейт го - деди.

- Менин уулумду тез эле акылына киргизген кызга ыраазы болуп турам байбиче, карачы уулуң баягыдай эмес.

- Ырас айтасың, эми ушунусунан жазбаса экен.

- Кудай буйруса балам адам болуп калды, - деп ата-эне кудуңдай сүйлөшүп отурушканда кечке маал эле, Бактияр чыкыя кийинип, чачын таранып үйдөн чыкты, аны көрүп үндөбөй оюна коюшту. Бактияр Сатыбалдынын үйүн шынаарлап аркы-терки басып турганда Нагима дарбазасынан чыгып эки жакты карап кайра кирип кетээрде:

- Нагима! - деди Бактияр, жалт карай берген кыз аны көрүп кирип кетмек болду эле Бактияр жетип келди, - Нагима, сен менден качпачы, мен сени сүйөм.

- Барчы ары, сени ким сүйөт имиш! - деп кирип баратканда карысынан кармай калды, - Мен сени чын жүрөгүм менен сүйөм Нагима, ишен мага.

- Бактияр, - Нагима ичкери жактан бирөө угуп кое тургансып элеңдей карап, - Менин жигитим бер, экинчи келчү болбо уктуңбу? - деди да кирип кетти. Бактияр унчукпай кала берди да шылкыя үйүнө жөнөдү: "Мен баары бир сени сүйдүрүп алам, ал сени сүйбөйт, жөн гана сезимиң менен ойногусу келип жүрөт", - деп ойлоп үйүнө келди. Келген соң малын көзөмөлдөп, кыштан калган чөптөн отко тойбогон саан уйларына салып, жандыктарын камап атасын короо четине жолотподу.

- Ээ балам, - деди Айылчы, - үйлөнөм десең биз каршы эмеспиз, кыз макул болсо болду.

- Макул болбой кайда бармак эле ата, - деп жылмайып койду Бактияр.

- Кызды макулдатсаң Сатыбалды биздин колдо балам.

- Нагима кыйшаңдап жатат, көрөбүз ата, - деп Бактияр ички бөлмөгө кирип кетти. Бактияр келип кеткенден кийин Нагима Алмаздын келишин күтүп жатты. Күүгүм киргенден кийин ал келип калды. Бири-бирин чын сүйүшкөндөй көрүнгөн эки жаш алмалуу бактын ичинде отурушту.

- Нагима, мен жакында окууга кетип жатам, эгер сен окууга барсаң шаардан жолугабыз.

- Сөзсүз барам.

- Кайсыга тапшырасың?

- Мединститутка.

- Мен юридика бөлүмүнө кирем, атам уже сүйлөшүп койдум дейт, - деп Алмаз кызды өзүнө имере тартып кучактамак болгондо ал аны өзүнөн оолактата түрттү.

- Алмаз, жөн эле отурчу.

- Эмне болмок эле, кучакташып, бири-бирибиздин демибизди сезип, тыңшап турган жакшы эмеспи.

- Кереги жок, - Нагима уялганынан жүзү кызара түштү, түн паранжасы гана аны жигитке көргөзбөй экөөнүн ортосу бир аз алыстай унчукпай калышты.

- Нагима.

- Ийи.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, мен сени сүйөөрүмдү эбак айтпадым беле?

- Сен мени, мен сени сүйөбүз, анан сен эмнеге менден качасың?

- Алмаз, түшүнсөң мени, сүйсө эле кучакташып отуруу керекпи?

- Сүйүшкөндөр ошондой болот, сагынышса кучакташып өбүшөт, бири-бирин кыса кучактап сагынычын жазышат.

- Койчу Алмаз, мага андай жакпайт.

- Демек сен мени мен сүйгөндөй сүйбөйсүң.

- Сүйөм, мен сени аябай сүйөм, бирок антип кыйнаба Алмаз.

- Мейли, баса эртең менин туулган күнүм, куттуктаганы барасыңбы? - деди Алмаз арам оюн ишке ашырмак болуп калп айтып, - Досторум кыздары менен келет.

- Мени жибербейт, атам бизди катуу кармайт.

- Бир шылтоо тап, мектепти бүтөсүң, классташтарың менен деле кечеге барасың да чынбы?

- Билбейм.

- Макул, менин дүйнөдө жападан жалгыз бир адамым сенсиң, жүрөгүмдү сага гана арнап койгомун Нагима, мен сени досторума айтып койгомун тааныштырамын деп, буга дагы каршысыңбы?

- Жок-жок, ага крашы эмесмин, сенин досторуңдун кандай экенин көргүм келет, сөзсүз таанышам, - деп Нагима жаадырай караганда айдын жарыганда жүзү көрүнө түштү, көздөрү жалжылдай балалык баелугу кете элек кыздын назик, таза сезими менен жылмайганын Алмаз кайдан сезсин, борбордогу кызматта турган атасынын күчү, байлыгы анын жан дүйнөсүн таптакыр башка нукка буруп койгон болчу. Айылдагы таята-таенесинин үйүндө жүргөндө Нагимага жолугуп эптеп колго түшүрө албай жүргөн, эми кетээринде кызды өзү билип басып кетмек ойдо болчу.

- Нагима, сени окууга барсаң атам эле бир телефон чалуу менен өткөрүп коет, көрөсүң го мединституттун мугалимдери сага кандай көз карашта караар экен? - деп эптеп эле кызды ишендирүү үчүн.

- Мен өз күчүм менен өтөм, бирөөнүн көмөктөшкөнүн каалабайм.

- Эмнеге, сен анда катуу окуйсуң го?

- Буйруса кызыл аттестат менен бүтөм.

- Аз-замат, алтын медал менен барсаң албетте без экзамен өтөсүң, - Алмаз кызаңдай күлүп калды, - Кана эртең куттуктаганы келесиңби?

- Көрөм, эртеңге чейин, мен үйгө киришим керек.

- Макул, - Алмаз ойлуу отуруп анан, - Бир аз туралычы, - деди.

- Жок, кеч болуп калды, - Нагима ордунан турду.

- Макул, жакшы жат анда.

- Рахмат, өзүң дагы, - Нагима бурулуп үйү жакка басты, Алмаз кылчаңдай алма бактын тосмосунан чыгып жолуна түштү: "Шашпа, кылыгыңды көрөмүн, айылдык кыздын мынчалык көтөрүлгөнүн кара, анан мени таап болупсуң", - деп ойлонуп кетип жатты. Нагима анын жоругуна таңгалып өзүнчө ойдо: "Неге шаардыктар мындай маданиятсыз болушат, балким мени жеңил-желпи кыз катары ойлоп жатабы, мен аны өзүм сүйүп калганым үчүн күнөөлүүмүнбү, же жөн эле сүйүү менен алмаштырып жатамбы, балким бул чын сүйүү эместир", - деп олку-солку болуп үйүнө кирди. Үмүт көп сүйлөбөгөн неме, балдарынын баары өз-өз тууруна конгон, Нагимадан кичүү дагы бир уулу бар, сегиз баласы бар. Сатыбалды өмүр бою мектепте мугалим, директор болуп иштеп, эл агартуунун отличниги.

- Кызым, кайда бардың? - деди Үмүт Нагима киргенде.

- Апа, Кундуз келиптир туруп калдым, - деп калпты айта салды, ал коңшусунун кызы эле.

- Ийи, - деп койду Үмүт, Нагима апасынын сырын билгендиктен унчукпай өз ишине киришти:

- Апа, атам кайда кеткен?

- Билбейм балам, чалдары менен жүргөндүр да.

- Апа-а, - Нагима кыткылыктап күлүп калды, - Чалдары дейсизби?

- Жанагы калжаңдаган теңтуштарын айтам.

- Алар менен башынан эле бирге жүрө берет го?

- Алжыган чалдар да, - деп Үмүт жактырбай сүйлөдү, Сатыбалды бала кезинен эле үйгө байырлабайт, Үмүттү сүйбөйм деп далай жолу ажырашам деп жүрүп, удаа-удаа уулдарды төрөп койгондо ата-энеси ага болбой коюшкан эле. Ошондо да аргасыз ар кайсы кыз-келин менен жүрүп иши менен алек болуп жашоого баш ийип калган. Эми Үмүт аны жаман көрбөсө дагы жаш кездеги кегин, ызасын чыгарып ага какшык менен сүйлөп жини келип кетет.

- Апа, сиз атамды сүйдүңүз беле? - деди Нагима капыстан.

- Ооба, биз ошондо сүйүү-мүйүүнү билип коюптурбузбу, атаңдын эле сүйгөнү болбосо.

- Эмне, сүйүүсүз эле баш кошуп алдыңар беле?

- Ал убакта ушуга тийесиң десе тийбегенге аргабыз жок болчу, - Үмүт терең дем алып алды, - Атам менен чоң атаң теңтуш экен, алар бири-бирине сөз бекитип коюшкан экен, ошентип алар бизди үйлөнтүп коюшту.

- Сиз атамды мурда көрдүңүз беле?

- Көргөмүн, мен анда жашмын да, келип кетип жүрчү, анда кайдан билдим, он алтыга жаңы чыкканда кол менен берип ийишти, атаң ошондо жыйырма экиде болчу.

- Сиз унчукпай эле кете бердиңизби?

- Атамдын сөзүн кайтара алмак эмесмин кызым.

- Эч ким менен сүйлөшкөн эмес белеңиз?

- Сүйлөшмөк турсун сыртка чыккан эмесмин, окууну төртүнчү класска чейин эле окудум.

- Ай-ий, жаман турбайбы?

- Эмнени эле сурап тантыратып жатасың, эми атаң келет, дүнүйөнүн ишин бүтүрүп койгонсуп, тамагың быштыбы?

- Даяр апа, - Нагима шыпылдай туруп ашкана бөлмөгө чыкты, аңгыча Сатыбалды келип калды:

- Ийи, чалдарың менен чер жазыштыңбы? - деди ага Үмүт.

- Баягы да…

- Түнөп эле алсаңар болмок ошол дөбөгө.

- Эмне болду?

- Деги да, үй-жайдан безген бекерпоздор чогуласыңар да, бир чатыр тигип эле алгыла да, илгеркиңерди козгоп бирден айтып бүткөнчө бирден узай бересиңер.

- Кемпир, бу сенин менде өчүң бардай го?

- Кегим бар, жаш кезимден ар бир күн-түнүн көзүмдүн жашын сыгып өткөрдүм го? - Үмүт кыйгачтай ары карады, - Болуптур, өткөн өттү да, Бектур дагы эмдигиче жок, каякка кетип калды экен?

- Балдар менен жүргөндүр?

- Келип калаар, - Сатыбалды төрдөн орун алды.

- Апа, кардым ачты, - деп Бектур кирди.

- Ат-та-аңдын ооз-зугурайын десе, тоокчо түнөөгө эле келесиң, кайда жүрөсүң тентип?

- Ойноп жүрдүм.

- Эртерээк келип жүр, оюндан мүйүз чыктыбы?

- Жок, - Бектур буруя жооп берди.

- Окууну ошондой ойносоң боло? - деп Сатыбалды ачуулана уулун тилдеп жатты, Нагима дасторконун жайып тамагын алып келди, - Кызым, окууң кандай?

- Жакшы ата.

- Экзаменге аз калды ээ?

- Ооба.

- Ой жөн отурчу, сенин убагың бүткөн, балдарды тынчыраак тамак ичирчи, - Үмүт күйөөсүн жактырбай карады.

- Байкуш кемпирим ай, түшүнүгүң кыска төрөлүп ошол бойдон өтөсүң го бу дүйнөдөн.

- Бир үйдө бир эле акылдуу жетет, сен турбайсыңбы?

- Кой, тамакка карайлы, кызымдын тамагы сууп калбасын, - деди Сатыбалды, андан кийин эч ким унчуккан жок, Нагиманын ою кайра-кайра эле Алмазды эстеп анын өзүнө жасаган мамилесин эстеп кыжыры келгени менен аны сүйөөрүн ойлогондо кайра мелтиреп ойлоно калат. Эртеси сабакка барганда Нагима курбусу экөө сүйлөшүп отурду, сөздүн нугу келип эле Алмазга келип такылды.

- Нагима, Алмаздын сүйүүсүнө ишенесиңби? - деди Анара.

- Эмнеге, ишенсе болбойбу?

- Мен кантип айтаарымды билбей турам, - Анара курбусун ойлуу тиктеп калды.

- Деги эмне дегиң келет, бир нерсени жашырып жатасыңбы? - Нагима чебелектеп жиберди.

- Нагима, менимче Алмаз аябай жаман жигит, ал көрүнгөн кызга жүрөгүн сууруп садага чапкандардын бири экен, атасынын артынан көпкөн неме тура, иши кылса этият бол.

- Калп, ал ушак болуш керек.

- Ишен, ишенбе бул чындык.

- Эмне билгениң бар, мен ишене турган далилиң барбы Анара? - деп ызалана карады Нагима.

- Алмаз азыр сени менен катар эле Сезим деген кыз менен сүйлөшүп жүрүптүр.

- Ал кайда экен?

- Жогорку айылдагы Токтош дегендин кызы.

- Кантип эле, кантип ошондой болсун, андай болушу мүмкүн эмес, - Нагима тура калып жүгүрүп кетти.

- Нагима, Нагима токто! - Анара анын артынан жүгүрүп жетип кармап калды, - Болду, болдучу эми, сен айткандай эле болсун, балким мен чын эле калпты угуп алгандырмын, баары жалгандыр, эсиңди жыйчы деги, мени кечир!

- Анара, кечирим сураба менден.

- Койчу эми, кечир мени, - Экөө тарткылашып турганда Алмаз келип калды.

- Салам кыздар!

- Салам, - Анара аны карап туруп калды, чынында Алмаз сылаңкороздугуна жараша келбеттүү жигит болчу.

- Нагима, мен сага келдим.

- Кереги жок, кетип кал азыр, - Нагима классына жүгүрүп кетти.

- Ага эмне болгон? - Алмаз Анарага кайрылды.

- Билбейм, ал бүгүн өзүнөн-өзү жинденип жүрөт.

- Эмнеге андай болду экен, сурадыңбы сен?

- Айтпады, балким ал мурунку сүйгөнүн унута албай жүрсө керек? - деп Анара жылаандын башын чыгарды.

- Мурда бирөө менен сүйлөшчү беле?

- Ооба, жигити бар болчу.

- Оо, мен билбепмин, чынында сулуу кыздар сүйүүгө татыктуу да, акыры бирөөнүкү болот, - деп Алмаз ары басты:

- Сиз капа болбоңуз, кыздар толтура, - Анара жылмайып койду.

- Ошол кыздар Нагимадай сулуубу?

- Эмнеге болбосун, сулуу кыздар көп, бирок аны сиз жакшылап көрүшүңүз керек, - Анара дагы бырс күлдү.

- Сөзүңүз табышмактуу экен, өзүңүздүн жигитиңиз барбы? - Алмаз кыз жандуулугу кармап жакындай жылмайып көздөрүнө тигилди.

- Жок, али жигит күтүүгө жетише элекмин.

- Башыңыз бош экен да?

- Ал эмне дегениңиз?

- Жигитиңиз болбосо бош экенсиз да?

- Ошондой.

- Таанышып алалы, атым Алмаз.

- Анара.

- Эмесе таанышып алдык, мен сизден бир нерсе өтүнсөм аткара аласызбы?

- Кандай өтүнүч?

- Нагиманы ээрчитип меникине кел.

- Кантип, үйдөгүлөр жиберишпейт.

- Айласын тап, эгерде тапсаң мен сага беш миң сом берем, бул орточулугуң болот, эгерде колума чындап тийгизсең алтын чынжыр белек кылам, - Алмаз эмеле сиз деп сылык сүйлөп жатып шыр эле сенге өттү.

- Болбойт го, курбум муну билип калса эмне дейт? - Анара кыңырыла түштү.

- Коркпо, менин оозум, сенин озуң бекем болсо кимден укмак эле? - деп Алмаз Анаранын курткасынын чөнтөгүнө миң сомду сала койду, Анара акчаны көргөндө пейили бузулуп кетти көрүнөт:

- Качан? - деди акырын.

- Бүгүн кечинде.

- Аракет кылайын, бирок Нагима билбеш керек.

- Кадырың жан болсун.

- Жарайт, мен кеттим, - Анара култуңдаган бой дон Нагиманын артынан мектепке кирип кетти, Алмаз ойлонуп калды: "Жигити болсо мени эмнеге сүйөм дейт, мага го баары бир, кимди сүйгөнү башымды да оорутпайт, иши кылып колума тийсе бир рахатын көрүп алсам болду, караанымды көрсөтпөй жоголуп кетем", - деп ойлонуп көпкө турду, Анара Алмазды кызганып экөөнү бузмак болуп жаткан, Нагиманын артынан класска кирип жанына отуруп калды. Нагима ыйлап отурган:

- Нагима, сага эмне болду, Алмаз сага жолукпай кетпейм деп жатат.

- Кете берсинчи!

- Мен кантип айтмак элем?

- Айтпай эле кой, өзү кетет да.

- Нагима, ал сени сүйөөрүн айтып жалдырып жатат, жок дегенде бир жолугуп койчу, - Анара аны көндүрмөккө жан талаша эбиреп жатты, - Менин укканым ушак болсо керек, байкуш жалдыраса бооруң ооруйт экен, чынында мен сүйүүнү түшүнбөйм да курбум, азыр билгизбей жолугуп кайра кел, ал сени чындап катуу сүйүп калыптыр.

- Анара, Алмаздын бүгүн туулган күнү экен, ошого чакырып жатат, атамдар мени үйдөн чыгарбайт, кантип барам? - деди Нагима бир топтон кийин, - Апам эшикке чыксам карап турат.

- Билбейм, Алмазга түшүндүрүп айтып кой, балким ал деле түшүнөт да, белекти берип сал.

- Эмне белек кылсам болот?

- Билбейм, балким…

- Алмазга эмне жагат болду экен?

- Бол эми, танапис бүткөнчө жолугуп келе кал.

- Макул, - Нагима жаш баладай заматта жаркылдап кабагы ачыла түшүп сыртка карай жөнөдү, Анара аны терезеден карап турду. Нагима Алмаз менен бир аз сүйлөшүп туруп кайра кирди, аңгыча сабак башталып калды, сабак бүтүп тарагандан кийин экөө жолдо сүйлөшүп турушту.

- Анара, сен мени апамдан сурап чыкпайсыңбы, өзүм сурансам жооп бербейт да.

- Алмаздын туулган күнүнө барасыңбы?

- Ооба, сен экөөбүз барып кайра эле баса беребиз.

- Менин апам дагы жооп бербесечи?

- Сени мен сурап чыгам.

- Сенби? - Анара күлкүсү келип оозун басып калганда Нагима аны көкүрөккө алаканы менен чапкылап каткырганда зорго турган Анара да каткырып, экөө тең күлүп калышты, - Экөөбүз алдамчы болуп кетебиз го, билинип калсачы?

- Билинбейт, эрте келип калабыз да.

- Макул, курбум үчүн мен баарына даярмын, ансыз деле жакында тарайбыз, ар кимибиз ар тарапка кетсек көрүшпөй калабыз, кана анда сен биякка, мен тиякка! - деп Анара Нагиманы күлө нукуганда ал:

- Кеттик! - деди да бир эки кадам басып токтоду.

- Нагима, экөөбүз бирге баралы, адегенде үй-үйүбүзгө баралы, биринчи мен барып суранам, андан кийин сен, ошентип экөөбүз бүгүн боштондукка чыгабыз.

- Туура айтасың, кеттик үйгө, - деди Нагима, алар кайра өз-өз үйү тарапка бөлүнүп жөнөштү, ал күнү Нагиманын үйүнө шаардагы агасы үй-бүлөөсү менен келип калган. Алар менен бабырашып отурушканда Анара келип калды, анын Нагиманы сурап келгенин укканда Үмүт болбой жатканда келини ортого түшүп:

- Апа, азыр мурунку заман эмес да, заман жаштардыкы, барса барып келсин, сиздин төрүңүздө ойноп-күлөт, кийин кандай күйөөгө чыгат ким билет?

- Олда-а балам ай, кыз баланын оюн зоокко барып жүргөнү болбойт.

- Эчтеке болбойт, мектепти бүтүп жатат, классташтары менен барып келсин.

- Мейли эми, - деп Үмүт унчукпай калды. Нагима жеңесине кубана жетип кучактап калды:

- Рахмат жеңе?

- Эчтеке эмес, жакшы барып кел, өзүңөргө сак болгула.

- Жарайт жеңе, - Нагима кийинип алып Анараны ээрчий чыгып кетти, Үмүт жүрөгү бир нерсени сезгендей ичтен тына туруп калды: "Ушу кызды бир өз абийири менен орун таптырып койсом арманым жок эле, балээден кудай сактасын", - деген күдүк ойго жетеленип отуруп неберелери менен алаксып кетти. Нагима менен Анара бири-бирин жооп сурап Алмазды күтүп калды, анткени ал өзү келмек болгон эле. Ал таятасынын үйүнө аларды алып бармак эмес, анын үстүнө туулган күн дегени жалган эмеспи. Бир таанышынын үйүн таап эки-үч кыз менен балдарды чакырып, дасторкон даярдатып коюп анан кыздар менен болжошкон жерге келди. Үчөө ээрчише барып чогулган отурушка келишип белегин берген соң чай-тамак менен бирге вино келди. Нагима кеч кирген сайын коркуп жатты, кетели деп Анарага шыбырады эле ал:

- Азыр, менин ичим ооруп жатат, Алмазга айтып коюп анан кетели, - деди да чыгып барып аны менен сүйлөшүп кайра келди.

- Эмне деди, кетебиз дедиңби?

- Айтсам таарынып жатат, мен кете берейинчи, ичим чыдатпай оорутуп жатат.

- Мен сенден калбайм, апам эмне дейт?

- Алмазга өзүң айтчы, - деп тырышып ичи катуу ооругандай отуруп калды.

- Алмаз, биз кетишибиз керек, кеч дагы болуп калды, мынча кечиксем атам өлтүрүп коет, - деди Нагима ага сыртка чыгып.

- Нагима, мен эртең кетип жатам, ушул бойдон сен шаарга барганда гана жолугабыз, сен отуруп тур, өзүм жеткирип коем.

- Анараны жалгыз кетире албайм, кетсең жакшы бар, - деп Нагима Анараны өзүнө чакырды, - Жүрү кеттик, үйгө барганча бир топ убакыт өтөт, апам кабатыр болот.

- Мейли кеттик, - деп Анара аны ээрчий басты, анткени Алмаздын достору менен кыздары дагы жакпай калган эле, бирок Анара ичинен кыйпычыктап жатты, Алмаздан Нагима үчүн алган акчасына жүрөксүп аны эптеп эле Алмаз менен калтыргысы келип ичим дей баштаган.

- Нагима, сен мени сүйсөң мага ишенет элең, бүгүнкү туулган күнүмдө отурмаксың, - деп Алмаз таарынган түр көрсөтүп экөөнү жеткирмек болуп жөнөдү, Анараны өз үйүнө жеткирген соң Нагиманы колунан кармады эле:

- Алмаз, жөн эле басалычы, - деди.

- Койчу эми, туулган күнүм үчүн бир өөп да койгон жоксуң, - деп болбой эле колун бекем кармап алды, - Кана бир жолу өөп койчу.

- Алмаз, өпкөндө эмне өзгөрмөк эле, мен сени сүйөм дедимби точка, өбүшө турган кез өзү келет.

- Нагима, мен сага ишенбей калдым.

- Сөзсүз эле өбүшүү керекпи, ансыз сүйүү болбойбу?

- Жок, сүйүү-махабат деген ошол да, кургак сүйүү кимге рахат алып келмек эле? - деп ырсалактай кучактамак болгондо Нагима анын колун силкип жиберди да жүгүрүп жөнөдү.

- Мага андай сүйүүнүн кереги жок!

- Нагима! - Алмаз жетип кармап бекем кучактап туруп оозунан тумчуктура өөп калганда Нагима аны чатка тээп жиберди эле "ий", - деген Алмаз кызды кое берип чатын кармап туруп калды.

- Акмак, мен муну адам экен деп жүрсө акмак экенсиң, Акмак айбан! - ыйлап эптеп үйүнө жеткенде көзүнүн жашын аарчып үйдөгүлөргө эчтеке билгизбей кирүүнү ойлоп дарбазанын түбүнө туруп калды, чачтарын сылагылап, бою башын ирээтке келтирип турганда артынан келип карылуу колдор оозун басып сүйрөп жөнөдү. Кыйкыра албай колу менен чапкылап тыбырчылап бараткан кызды бетке чаап ийди:

- Сенин асмандаганың мага жаккан жок, сени жерге түшүрүп коеюн, - деп Алмаз кызды сүйрөп короонун бурчу тарапка баратканда атчан адам чыга калды:

- Эй сен кимсиң? - деп атынын башын аны көздөй бурганда Алмаз коркконунан кызды таштап жиберди да аттап-буттап качып жөнөдү, Нагима тумчугуп калгандыктан үнү чыкпай сулк жатып калды. Атчан киши түшө калып кызды көрүп чоочуп кетти, - Оо кокуй, мен муну мал уурдап бараткан неме экен десе кыз уурдап бараткан го, ой кызым, тур-тура гой, - деп жаакка алаканы менен чапкылап зорго эсине келтирди, - Кайдан бир зөөкүрдүн колуна түшүп жүрөсүң?

- Айланайын аба, мени аман алып калганыңызга рахмат, аз жерден өлүп кала жаздадым, - деп ыйлаган Нагима туруп кийимин күбүнүп басып жөнөдү.

- Рахматыңды кой, бул кайсы бала, милицияга берип акесин тааныталы, - деген Омор кыздын үнүн тааныштай сезип калды, Нагима дагы тааныды, кудайга жалынып жатты, эгерде ал болбогондо эмне болот эле ким билет.

- Тим коюңуз аба, аны мен деле тааныбайм, - деп кайра Нагима токтоп калды, - Атамдар укпасын.

- Мен ушакчы катын белем кызым, бирок караңгыда жүрбөй койбойсуңбу кызым, - деди Омор, - Өзүңө жаман болот эле го?

- Кечириңиз аба, сизге өмүр бою ыраазымын, мени бир жамандыктан сактап калдыңыз.

- Мейли кызым, үйүңө кире гой, - деп Омор атын жетелей кызды үйүнө киргиче карап туруп кетти, акырын шырп алдырбай бөлмөсүнө кирип баратканда Үмүт чыга калды:

- Мынча не кеч келдиң кызым?

- Апа, баарыбыз кеч тарадык.

- Ийи, мейли эми уктай гой, - деген Үмүт кызынын тынч аман келгенине кубанып ордуна барып жатып калды, Нагима жатып алып үнсүз ыйлап жатты: "Акмак, айбан десе, жөн гана көңүл ачуу экен да анын ою, кетээринде мени шерменде кылып кеткиси бар го, балким тумчугуп өлүп калсам эмне болот эле", - деп шадылуу колдору менен оозу мурдун кошо басып алганы көз алдына келип бүткөн бою дүр этип алды. Чынында кыз колу менен улам колун тартып дем алууга жанталашып мурдун ачпаганда тумчугуп эле калмак. Түнү бою ыйлап чыгып таңга маал гана көзү илинип кетти. Ошентип Нагиманын сүйүүдөн дагы көңүлү калып мектепке барып кайра келип кабагы салыңкы жүргөнүн байкаган эне бир күнү кызына минтти:

- Кызым, сабырың суз болуп калдың да, бирдеме болдубу?

- Эчтеке болгон жок апа, эртең экзамен, ошого ойлонуп жатам, - деп калп эле китеп дептерлерин кармалап калды, кыраа эне сезди, бирок эмнеге минтип кыйналып жүргөнүн анык биле албады, эгер билсе эмне демек, ошондон көп өтпөй каңырыш сөз ансыз дагы тарап кетти. Омор бул сырды аялына айтып келип эч кимге айтпа, дегени менен ал дагы бир теңтушуна барып:

- Ай сен эч кимге айтпасаң бир сыр айтам, - деди Айшакан.

- Ал кандай сыр, мен кимге айтмак элем? - Жаннат кулак түрө курбусуна көңүлүн бурду, чынында бул айылда кандай сөз же ушак болсо да Жаннат менен Айшакан аркылуу тарачу, - Кана ал кандай сыр?

- Кечээ түнү Омор атын тушаган жерден алып келе жатса койдой кылып бирөө бирдемени сүйрөп баратыптыр дейт, Омор сен кимсиң десе колундагысын таштап ийип качып кетиптир, жакын келсе мал эмес эле кыз экен дейт, эси ооп калыптыр.

- Ко-окуй, ким экен ал кыз?

- Тиги директор акебиз бар го, ошонун кызы Нагима экен дейт, байкушту сүйрөп бараткан жеринен алып калыптыр.

- Балакет ба-ас, эчтеке кылбаптырбы анан?

- Ким билет, кыз зорго өзүнө келиптир, Оморго ыраазы болуп мени сактап калдыңыз, эми эч кимге айтпаңыз дептир байкуш кыз, - Айшакан жебиреп бирөө угуп кое тургансып шыбырап жатты.

- Кызык болгон экен, байкуш кыз эсин жоготуп койгон болсо ага эмне кылганын өзү дагы билбей калгандыр?

- Ошондой болушу мүмкүн, а балким өзүнүн абийирин жабыш үчүн дагы эчтеке болбогондой түр көрсөткөн чыгаар ыя?

- Антиши да мүмкүн, кыскасы баары түшүнүктүү, - деп Жаннат баарын түшүнгөн сымал, зарыл иши калгандай шашыла ордунан турду, - Кой мен кетейин.

- Мейли, бирок эч кимге айтпа, жеңем угуп калса дагы капа болуп кыздын бетине чиркөө болот, - деди Айшакан ага катуу тапшырып.

- Койчу курбум, мен кимге айтмак элем, жакшы тур көрүшкөнчө, - Жаннат короодон чыгып кетти. Ошентип бул сыр тезинен эле чакан айылга тарап кетти, акыры Анара угуп калып көзү чакчая түшүп Нагимага жөнөдү, анын мектепке келгенде да көңүлсүз жүргөнүнө таңгалган, бирок Алмаз жөнүндө сурай алган эмес. Нагима өз бөлмөсүндө экзаменге даярдык көрүп отурганда Анара кирди.

- Кел Анара, сага эмне болгон, бир нерседен корккондойсуң го?

- Нагима, мен бир ушак уктум, элдин баарына жетиптир, а сен эчтеке билбейсиң, же билип эле ошого капаланып жүрөсүңбү? - деди Анара шашкалактай жанына отуруп.

- Эмне деген ушак экен? - Нагима курбусуна суроолуу тигилди.

- Баягы күнү сени ким көтөрүп баратканда Омор аке куткарды эле?

- Эмне-е? - Нагиманын көздөрү чоң ачылып жалдырап эле туруп калды.

- Ишенсем кудай урсун, апам угуптур, мага айтканда чыдай албай, апама да жооп бербей эле сага жөнөдүм, ал Алмаз беле, айтчы Нагима? - Курбусун жулкудатып кирди, - Эгерде ал шүмшүк сага бир нерсе жасаган болсо аны мен өлтүрөм! - дегенде Нагима көз жашын куюлта үнсүз гана башын чайкады, Анара терең дем алып алды, - Андай болсо тобо, сага жамандык кылса өз жазасын алат.

- Жазасын кудай берсин, - деди Нагима көптөн кийин, - Мен аны чын жүрөгүм менен сүйдүм эле, ал көрсө жөн гана менин сезимим менен ойноп, өз арам оюн ишке ашыруу үчүн сүйөм деп жүрүптүр Анара! - Нагима курбусун кучактап калды, - Эми бул сөз апама жетсе кантем, эмне деп жооп берем?

- Деги мени коркутпачы, ал сага тийген жокпу?

- Жок курбум, ою ишке ашпай калды, эгерде ал мага бирдеме кылганда мен сенин жаныңда тирүү отурмак эмесмин, эбак өзүмдү-өзүм өлтүрмөкмүн, ишен мага.

- Акмак, андай экенин билгенде мен сени менен бирге келбейт белем, кудай сактаптыр да.

- Омор абам келип калбаганда мен өлмөкмүн.

- Кудайга шүгүр…

- Анара, мен апама өзүм айтайынбы, болбосо мени суракка алса кантип түтөм, али элден уга электе өзүм түшүндүргөнүм жакшыдыр? - Нагима курбусунан кеңеш күтө жалдырай карады, - Сен кандай деп ойлойсуң ыя?

- Туура, элден угуп сага ачууланат, намыстанат ушак сөзгө андан көрө өзүң айтканың жакшы, мен кандай болдум адеп укканымда.

- Чынын айтып апамды тынчтандыруум керек, Айшакан апа элге жайып ийген го, Омор абам аялына айтса керек, - Эки кыз ойлуу отуруп калды. Анаранын келгенин көргөн Үмүт бөлмөнүн сыртынан тыңшап дурус эчтеке уга албай кайра ордуна барып отуруп калган, Анара кетип жатканда:

- Кызым, чай-пай ичсең боло, Нагима дагы көптөн бери эч нерсеге көңүлү тартпай жүрөт, сени менен тамактанып алсын, - деди.

- Эне, мен шашып жаттым эле, экзаменге керектүү суроолорду сурайын деп эле келгемин, - деп Анара тайсалдай түштү.

- Кой кызым, шашканда эмне, отур бир аз, Нагиманы дагы чакырайын, жаңы эле тамак даярдап койгомун, - Үмүт болбой Анараны отургузуп койду.

- Апа, менин эчтеке ичким келбейт, - Нагима моюн толгой Анараны карады, - Сен мага карабай тамактан алсаң.

- Алып жатам, энемди сары санаа кылбай тамак-аш ичип турбайсыңбы, мына экзамен башталды, сабагыңдан болсо жакшысың, агай сени алтын медалга сен гана татыктуусуң деди го?

- Ооба, бирок менин жүрөгүмө эчтеке барбай жатпайбы, корккондой эле болуп туруп алдым, - Нагима атайын ушинтти.

- Бирдемеден чоочудуңбу кызым? - Үмүт Нагиманы суроолуу карады, - Баягы караңгыда келгенде коркуп калсаң керек?

- Билбейм, өзүм билбей калдым, жүрөгүм эле опкоолжуйт апа.

- Карангүн ай, чоочуп калсаң керек, байкабаганымды кара, - деп Үмүт карбаластай түштү, - Келчи бери жүрөгүңдү көтөрөйүн, - деп эне кызынын жүрөгүн көтөрмөк болуп эңкейтип алып колун жүрөк тушуна алып барды, - Ко-оку-уй, таптакыр эле жүрөгүң түшүп калган турбайбы? - деп көтөрүп жатты. Анара коштошуп үйүнө кетти, - Мынча эмнеге коркуп жүрөсүң кызым?

- Апа, мен бир нерсе айтайын, ачууга алдырбай укчу.

- Эмнени?

- Апа, ошол күнү дарбазанын жанынан мени бирөө кармап алып оозу-мурдумду катуу басып алып сүйрөп баратканда өлүп кала жаздадым, ошол кезде Омор абам келип калбаганда эмне болот эле билбейм, тумчугуп да калмакмын, - Нагима ыйлап ийди.

- Кудай сактай гөр, дагы алла сактаган экен, ал кайсы шүмшүк экен деги? - Үмүт кызын үрпөйө ойлуу карады, - Тиги Айылчынын шүмшүгү болуп жүрбөсүн?

- Жок апа, анын үнүнөн таанымакмын, сүйрөп баратып сүйлөп жатты, тааныш эмес, ким экенине эмдигиче башым жетпей жүрөт.

- Кудай жазасын берсин, этият болуп жүрчү кызым, бирок ал Бактияр оңолуп калыптыр деп уктум эле, тим эле зыңкыят дейт.

- Мен дагы көргөм, өзүнө каранып адам боло баштаптыр.

- Эсине кирип токтолот да, атасы жакшы киши эмеспи, - деп койду Үмүт ойлуу.

- Апа, мен сабагымды окуюн, ошондо жүрөгүм түшүп калганын сизге айта албай жүрбөдүмбү, уктасам эле ошол караан кирип сүйрөп баратканда чоочуп ойгонуп кетип жатам.

- Ошондо эле айтсаң болмок экен, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген сөз бар да кызым, - Эне кызын чекесинен өөп бооруна кысты, - Силердин жамандыгыңарды көрбөсөм экен, кудайым кулум десе тилегимди берип, силердин бактылуу, очор-бачар, ордолуу шаар болгонуңарды көрүп тынч кана алдыңарда кете берсем болду эле, бара гой окууңду окуй бер.

- Макул апа, мындан ары сизден эч нерсе жашырбайм ээ? - Нагима апасын өөп алып оор жүктөн кутулгандай дем алып алды да бөлмөсүнө кирди. Ошентип эне анын жүрөгүн көтөрүп жатып эс ала түштү…

Бактияр түп тамырынан өзгөрдү, токтоо тартып үйгө да карамдуу болуп калганына ата-эне кубанып башка балдары келгенде аларга да айтышты.

- Бактиярды оңдоп койгон сүйүүгө, ошол кызга миң мертебе рахмат, деги ошол кыздын ата-энесине бир сүйлөшпөсөм болбойт, - деди эң улуу баласы Элдияр келгенде.

- Чын эле, баягыдай болбой калыптыр, ал кимдин кызы экен ата?

- Сатыбалдынын кенже кызы дейт, көргөн эмесмин, өйдөңкү айылда турат эмеспи, - Сакалын сылай карады, - Сатыбалды кадыр-барктуу өкмөт кишиси, өмүр бою мектепте директор болуп иштеди.

- Ооба, бизди да окуткан ал киши, түшүнүктүү адам.

- Ошол, эми бизди калды, Бактияр ушунусунан жазбаса алып берем, кокус кайра адатына түшөбү деп чоочулап жүрөм, кыздын ата-энесине барганда дагы баягы тентек балаңабы деп сурайт деп тартынып жатпайынбы?

- Алар деле түшүнүшөт да ата, башкысы кызы менен балаң сүйлөшүшү керек, - деди Элдияр, - Калганын өзүбүз эле бүтүрөбүз, ал үйлөнүп калса жакшы болот эле, силерден кабатырланбай калат элек.

- Буйруса аракет кылабыз, - деп өздөрүнчө кеңешип отурушканда Бактияр Нагимага кат жазып алып мектептен келчү жолду акмалап жүргөн. Экзаменге даярданып консультацияга барып келе жаткан Нагиманы көрүп Бактияр жолдо ойноп жүргөн бир баланы чакырып алды:

- Досум, мына бул катты тээ тигил кызга берип келсең мен сага бул акчаны берем макулбу?

- Канча сом?

- Беш сом.

- Макул, - деген чыт курсак бала чымын куюн болуп жүгүрүп өтүп бараткан Нагиманын алдына тура калды, - Эже, муну бир бала берди.

- Ким берди? - Нагима эки жакты элеңдей карады, ал катты Алмаз берсе керек деген ойдо ыргытып иймек болуп кайра унчукпай дептерине салып койду да басып кетти, Бактияр аны далдаланып турган жеринен көрүп алып кубана балага беш сомду карматты да:

- Эртең дагы кел, дагы кат ташып беш сомго иштейсиң, уктуңбу досум?

- Ооба-а, - деп коюп жүгүрүп баратканда.

- Атың ким? - деди Бактияр.

- Самат! - деди да көздөн кайым болду. Бактияр үйүнө кетти, Нагима үйгө кирип эле катты окуганга шашылып конвертти аярлап ачып окуп баратып Бактиярдан экенин билгенде тытып жибермек болду да кайра: "Эмнеси бар экен, окуп көрөйүн", - деп көз жүгүрттү: "Салам Нагима, окууларың кандай, экзамен тапшырып жатыпсың, ийгилик каалайм. Нагима, сенин балким жиниң келээр, бирок мен чындыкты айтуум керек, кооз сөздөрдү билбейм, сени мен бала кезден жактырчумун, бирок мен ал жактыруу сүйүүгө айланаарын сезген эмесмин. Нагима, менин тентектигимди, өзүң айткандай хулигандыгымды сенин гана элесиң токтотту, анткени сага деген сүйүүм наристедей таптаза, мээлжиген бийик көк асмандай тунук жана ыйык! Сенин: "Хулиган, акмак айбан", - деген сөзүң мени эсиме келтирди, эгерде сен антип айтпаганда кандай болмок билбейм. Сүйүү деген мынчалык күчтүү болоорун билбепмин, көрсө махабаттын улуу күчү акмакты адам кылып, көөдөнү көрбөгөндү сездирип, акылдууну акылсыз кылган өзгөчө сезим тура. Мен сени сүй деп кыйнабайм, бирок баягы жигитиң мага жакпады, ошондон алыс болчу… Мага тең болгуң келбесе дагы катымдагы саптарды окуп кой, ырас сени мен зордоп сүйдүрө албайм, жооп жаз деп суранбайм, тек гана менин өзүңдү чын жүрөгүмдөн сүйөөрүмдү билсең болду. Түбөлүк сени сүйүп, сен деп жашоого сөз берем Нагима! 1999-ж. 7-июнь. Бактияр", - деген катты окуп алып Нагима ойлонуп калды: "Чын эле, сүйүү адамды отко-сууга салып кыйнайт тура, байкуш десе, мени сүйгөндөн эмне табаар экенсиң, мен сага бакыт тартуулай аламбы, жаралуу аркардай жабыркап турам өзүм. Сенин таза сүйүүңө жооп бере ала турган болсом го?", - деп ойлуу катты дептеринин ичине салып койду. Дал ушул кезде ал түбөлүктүү өмүрлүк жары, кудай кошкон курдашы Бактияр болуп, бактылуу өмүр сүрөөрүн ал ойлогон да жок…

Зарылбек мен Сайра абдан бактылуу, Даниелди Сайра жакшы көрөт, өз баласындай камкор, өзүнүн төрөбөсүн билгенден бери убайымданып Зарылбекке өз оюн айткысы келсе дагы жүрөк сүйгөн адамынан айрылгысы келбей өзүнчө сары санаада. Анипа анда-санда келип баласына кийим-кече, таттууларды алып келип кетип турат. Кийинки келгенде Сайра аны сөзгө тартты:

- Анипа, өзүң жашсың, сулуу келинсиң, ылайыктуу болсо күйөөгө чыгып алсаң кандай болот?

- Сайра, ылайыктуу болгон күндө дагы баламды жакшы көрөбү, өгөй ата жакшылык кылабы, мен өзүмдү ойлоп баламды орто жолдо калтыргым келбейт, андан көрө уулумду чоңойтуп ушуну медер тутуп жашаганым жакшы.

- Аның туура, бирок жаш өмүрүң жалгыздыктан жабыркайт го, мени туура түшүн Анипа, бала өз күнүн көрөт, күлгүндөй өмүрүңдү жалгыздыкка курман кылганың болбойт, Даниелден кам санаба, өз уулумдай көрөм, сени дагы жек көрсөтпөйм, эгер менин сунушумду кабыл алсаң оюмду айтайын, - деп Сайра өз оюн айтты, - Мен төрөй албайм Анипа, макул десең Зарылбекке дагы деле бала төрөп бер, экөөбүз ынтымактуу бололу, баланы мен бага берем, - Сайра жашый түштү, - Мага жараткан эне болуу бактысын бербептир…

- Сайра, таңгалып турам, ошондой болот бекен?

- Ооба, мен кыз кезимде сезген эмесмин, боло берет экен деп ойлоочумун, көрсө аял заты этек кир көрбөсө төрөбөйт экен да, ырас мен Зарылбекти сүйөм дечи, бирок анын жалгыз бала менен калышын каалабайм, анан дагы башка аялдан болгондон көрө Даниел менен бир тууган болот…

- Сайра мени аябай таңгалттың, буга Зарылбек эмне дээр экен? - Анипа ойлонуп калды: "Бул чын айтып жатабы, өзүнүн койнундагы эрин кандай аял бирөөгө бере салсын мени сынап жатпасын", - деген ойго кептелди, - Мен сенден мындай сөз угамын деп ойлогоен эмесмин.

- Менин сунушум чын жүрөктөн чыккан сураныч Анипа, эгер сен макул десең мен Зарылбекке айтып аны көндүрөм, анан экөөңөргө кайрадан нике кыйдырып коебуз, убайымданба Анипа, мен эч качан сенден кызганбайм.

- Ата-энеси эмне дешет анан?

- Аларды мага кой, кааласаң Зарылбек экөөңөр шаарда болгула, мен атам-апамдар менен калып балдарды өстүргөнгө сөз берем, болгону Зарылбек менен ажырашкым келбейт Анипа, - Сайра көз жашын аарчып муңканып кетти.

- Кой Сайра ыйлабачы, зээним кейип кетти, сенин кең пейилдигиңе ыраазымын, балама өз энесиндей болгонуң эле мени сенин алдыңда карыздар экенимди билдирген, кандай алкаарымды өзүм дагы билбейм, - деп Анипа ыңгайсыздана карады: "Эгерде мен мунун ордунда болсом ушундай кыла алат белем, чынында мен өзүмдү гана ойлоп башканы ойлобойт экенмин да, мындай мээримдүүлүк кандай аялдарда болот, эгерде макул болуп баламды жалгыз кылбай төрөп берсем бул аял өз баласындай асыраарына көзүм жетти, чын пейили менен айтып турганына ишенип калдым", - деп ойлору менен алек болуп жатып анан коштошуп ата-энесиникине кетти. Сайра анын унчукпай калганынан улам ал дагы эле Зарылбекти жакшы көрөөрүн, көңүлү барын түшүндү: "Айла жок, сүйүүм үчүн өзүмдү курмандыкка чалууга тура келет, кудайым мага эне болуу бактысын жазбаса чарам канча, койнумдагы эримдин убайымга батып балалуу болбогонуна өкүнгөн түрүн көргүм келбейт", - деп ойлонуп отурганда Даниел кирди:

- Сайра апа, менин апам кетип калды.

- Апаң келет уулум, сен жакшы баласың да, - Сайра баланы эки ууртунан өөп төргө отургузду, - Кардың ачтыбы уулум, тамак ичели.

- Ооба, - Даниел заматта бүркөгөн кабагын ачып жарк этип күлүп калды, - Чоң атамдар каякка кетти Сайра апа?

- Тойго кетишти балам.

- Аа-а, сен эмнеге барган жоксуң?

- Мен сени карабасам болбойт да.

- Мени жакшы көрөсүң ээ Сайра апа.

- Ананчы, сени аябай жакшы көрөм.

- Мен дагы сени жакшы көрөм.

- Келе гой, тамагыңды ичип ал, - Алдына тамак куюп койду.

- Сен дагы ичесиңби?

- Ооба, экөөбүз ичебиз, анан сага кө-өп момпосуй берем.

- Чынбы, апам алып келген ээ?

- Ооба, апаң алып келген, мен дагы сага деп катып койгон момпосуй бар, - Сайра жылмая Зарылбектин өзүн куюп койгондой томпойгон наристеге ичи элжиреп туруп оор дем алып алды: "Арман ай, өзүмдөн бала болбой бирөөнүн баласына жалдырап жашамай болдум ээ, аргам канча, башка аялдан болгуча Даниелдин эле апасынан болсун, энеси башка дедирбей бир ата, бир энеден болгону жакшы", - деп ойлонуп алды. Даниел карды тойгондон кийин Сайра берген момпосуйду көтөрүп алып сыртка чыгып кетти: "Эми Зарылбекти көндүрүшүм керек, болбосо ажырашам деп айтам", - деген чечимге келип кечинде өздөрүнчө жаткандан кийин кеп баштады.

- Зарылбек.

- Оов.

- Бир сөз айтсам көнөсүңбү?

- Кандай сөз экен?

- Экөөбүз жөнүндө.

- Экөөбүз жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн? - Зарылбек баш көтөрө аялын карады, - Кана айтчы угайын.

- Мен төрөй албайт экенмин.

- Койчу? - Зарылбек чоочуп тура калды, - Ким айтты?

- Врачка көрүндүм, - Сайра болгонун айтып берди, - Көптөн бери сага айта албай жүрөм Закен.

- Кызык экен, чын эле сен келгенден бери ошонуңду көрө элекмин, Анипа ай сайын эле "келип калыптыр", - дей берчү, - Зарылбек ойлуу кайра жаздыкка башын койду.

- Закен, ажырашалыбы?

- Эмнеге?

- Төрөп бере албасам сени кыйнганда эмне?

- Сайраш, мен сенден ажырабайм, уулум турбайбы болот.

- Жок Закен, сен өзүң дагы жалгыз баласың, атамдар сени көп балалуу болсо деп тилешет, а мен төрөп бере албайм... - Сайра ыйлап жатты, - Маңдайыма жазганды көрүүгө аргасызмын.

- Ыйлабачы Сайраш, мага сен болсоң болду, сени менен түбөлүккө бирге болом деп ойлогомун, демек биз ажырашпайбыз.

- Андай болсо сен мен айтканга көнүүң керек.

- Кандай?

- Бир гана жол бар.

- Кандай жол?

- Сен Анипа менен шаарга барып жашайсың!

- Эмне, сен эмнени айтып жатасың? - Зарылбек башын көтөрө Сайрага карады, - Мен сага түшүнбөй турам.

- Даниелдин апасы, эгерде төрөп берсе Даниелдин бир тууганы болот, башка аялдан эмес, сен Анипадан балалуу бол!

- Кызык экенсиң го, бул ой сенин башыңа качан келди?

- Өзүмдүн төрөбөсүмдү билгенден бери, көп ойлондум, кетип калууну дагы ойлодум, баары бир ушундан башка жолун таппадым, мага деле оор, бирок өзүм ушуну тандадым, Анипа дагы эртеби-кечпи күйөөгө тийет, жаш эмеспи, өмүрүн жалгыз өткөрмөк беле?

- Сен кызык аялсың Сайраш, ойго келбеген ишти айтып мени санаага салдың, эмне дээримди да билбей калдым, - Зарылбек терең дем алып чарчагандай жатып калды, Сайра аны көндүрмөк болуп сүйлөй берди, айта берди, анын сөзүнүн бири кулагына кирсе бири кирбей кыжаалат болуп жатты:

- Закен, мени түшүнчү, менин сени менен ажырашкым келбейт, балалуу болбой калууга да чыдай албайм, ойлонуп көр жаным, калганын өзүм бүтүрөм, - деди да Сайра ары бурулуп жатып тагдырына таарынып ыйлап жатты, Зарылбек аны артынан бекем кучактап жатып үн дей албады, ансыз дагы жүрөгү канап турган аялынын көңүлүн ооруткусу келбей кучактаган бойдон уктап калды. Таң атып ойгонгондо дароо түндөгү Сайранын сөзү эсине келип сыртка чыкты: "Мына тамаша, мындай болот деп ким ойлоптур, эмнеге мындай болду, төрөп турган аялды кетирбе, кусуруна каласың деп атам менен апам туура айткан экен да", - деп эшиктин алдында аркы-терки басып жүргөндө Нуралы чыкты.

- Балам, эрте турупсуң го?

- Ооба ата, эрте турдум, кандай жаттыңыз?

- Шүгүр балам, көңүл тынч, уйку жакшы.

- Ошондой эле болсун.

- Уулум, бүгүн жүзүңдө бир жүйөө бар белем?

- Ата, ойлоно турган иш болуп калды.

- Кандай иш? - Ата уулун ормое карады.

- Жүрүңүз, - Зарылбек атасын колтуктай огород жакка алып барды да Сайранын айткандарын айтып кеңеш сурады, - Эмне дээримди дагы билбей калдым.

- Ка-ап, жаман болгон тура, эмнеси болсо дагы өзүңөр чечкиле, азырынча апаңар укпай эле турсун.

- Макул ата, дагы сүйлөшөбүз, чечимди алсак сизге өзүм айтам, чай-пай ичип алып ишке жөнөйүн, - Зарылбек үйгө кирсе Сайра эбак эле дасторконун жайып, тамак ашты алып келип күтүп калган экен.

- Атамды чакыра кел, тамакты ысыгында ичип алсын.

- Келе жатам балам, - деп Нуралы кирип келди, тамактанып бүткөн соң Канымжан:

- Эркек балалуу бол балам, кудай этегиңден айтсын, - деп бата бергенде Сайра дароо эле Зарылбекти карады, ал атасын карап анан ордунан турду, - Закенимдин төрү балдарга толуп, үйдөн балдардын күлкүсү чыгып турса андан өткөн бакыт барбы айланайын, атаң экөөбүздүн тилегибиз эле ошол, - Зарылбекти карады эле ал чыгып кетти:

- Шашылба байбиче, баары болот, балдар жаш эмеспи, - деп койду Нуралы.

- Капырай, тиги Молдобектин келини Сайрадан бир жылдан кийин келди эле кечээ балканактай уул төрөп алыптыр, ар ким көрө берсинчи, - деп ичиндеги санаасынан кетпеген оюн айтып алды Канымжан, Сайра унчукпай идиш аягын көтөрүп чыгып кетти, Нуралы жаздыкка чыканактай жатып калды. Зарылбек кыш кынап жатып да керээли кечке Сайранын айткандарын эстей берип улам көз алдына Анипаны келтирип башы ооруп чыкты, ал минтип ойлонуп жатканда Анипа атасынын үйүндө кыжаалат болуп жатты: "Кызык, эми эмне болот, ырас эле баламдын да жанында болом, төрөсөм атасы бөлөк дедирбей өз бир тууганы болот, Сайра ырас айтат акыры бул бойдон өтүп кетпейм, дагы башкага тийгенче Сайранын акылына көнгөнүм жакшы, илгери беш-алты аял деле алып алышчу тура, азыркы чоңдор кыздарды жашыруун аял кылып алып үй-жай алып берип жашап жатышпайбы, кантсе дагы эркек эмеспи, өзүм да башка эркекке бой сала албай төрт жылдан бери бой жүрөм, тагдырым жазганына көнбөгөнгө аргам канча", - деп өз оюн бекемдегендей болуп ордунан турду. Үч-төрт күн өткөн соң кайра кетээринде Зарылбектикине кайра келип баласы менен коштошуп шаарга кетээрин айтып отурду:

- Айланайын десе, неберемди бизден талашпаганыңа ыраазыбыз, тез-тез келип тур, - деп калды Канымжан.

- Келип турам апа, Даниелди өз атасынан эмнеге ала качмак элем, тагаларында өссө кийин мени күнөөлөбөсүн деп ойлодум, бала эмеспи аякка деле көнүп калмак.

- Ооба айланайын, туура кылдың, атасы турса тагасынын үйүндө өскөнү болбойт, эрте-кечтир түшүнөт деп биз дагы сени өз оюңа койгонбуз, акыры сен түшүндүң, Сайра жаман келин эмес, баарына түшүнөт, башка аял болсо сен келгенде чүйрүңдөп жаман көрмөк, бул сен келгенде курдашы келгендей кубанып алдыңа ашын коюп турат, бечара аялдан башкача жан, - деп Канымжан келинин мактап киргенде Анипа өзүнчө: "Туура башкача аял экенин өзүм дагы билем, болбосо мени кайрадан Зарылбекке ыраа көрмөк беле, аттиң мен ушундай жакшы аял болгонумда Зарылбек кетирмек эмес, кыял жоругум башкача эле, көптү көрүп, ар кандай тагдырларды өз көзүм менен көрүп жүрөгүм туюп акылыма келип ойлонуп иш кылууга көндүм, эми Сайра эмне десе мен макулмун, себеби Зарылбекти өзүм дагы жакшы көрөм", - деп ойго термеле түшкөндө Сайра тамагын алып келип калды.

- Зерикпедиңби Анипа, тамак бир аз кеч болуп калды, бүгүн мында калып эртең кетсең деле болот го? - деди жаркылдай.

- Жо-ок, кетип калайын, эртең базарга чыкпасам болбойт.

- Бир күнгө эчтеке болбос.

- Кой айланайын Анипа, уулуңду бооруңа кысып бүгүн мында жатып ал, эртең менен эрте чыгасың, - Канымжан бир жагынан чыкты, Анипа андан кийин жок дей албады, ойноп жүргөн Даниел келип апасын кучактап өпкүлөп:

- Апа, кетпей эле койчу, чогуу жашайбыз, атам дагы сен дагы менин жанымда болгулачы, - дегенде жүрөгү зырп этип сайгылашып не дээрин билбей калды.

- Уулум, менин ишим бар да, келип турам го, сен чо-оң жигит болгондо экөөбүз чогуу болобуз, атаңа келип турасың.

- Ыкы, мен силердин чогуу болгонуңарды каалайм, - Даниел апасынын алдына отуруп мойнунан кучактап алды, - Менин кандай ойлонуп жүргөнүмдү айтып берейинби апа?

- Айта гой уулум.

- Мен күндө жатканда силерди бирге көргүм келет, Сайра апам дагы сени жакшы көрөт го, кетпечи апа.

- Уулум...

- Апа, кетпейм дечи.

- Уулум, ойноп келчи, - Анипа уулуна жооп берүүнүн ордуна ушинтти, ыңгайсыз абалдан чыккысы келди, ыйлап жибербей зорго өзүн кармап турду, - Бара гой, ойной бер.

- Сен кетип калбайсыңбы?

- Жок.

- Ма-акул анда, - деп Даниел сыртка карай жүгүрүп кетти.

- Садагаң болоюн десе, бала деле эне жытын сагынат да, бүгүн койнуңа алып жатып ал балам, - деди Канымжан дагы - Макул апа, бүгүн калса калайын.

- Мына, эми жакшы болду, - деп күлүп калды Сайра.

- Рахмат Сайра, сендей кең пейил акылдуу аялга жолуккан Зарылбектин бактысы тоодой экен, - деди Анипа көптөн кийин.

- Силер сүйлөшүп отура бергиле, - Канымжан да бөлмөдөн чыгып кетти.

- Анипа, менин айтканымды ойлонуп көрдүңбү?

- Сайра, эмне кылышымды билбей башым адашып калдым, эл эмне дейт, менин ата-энем, бир туугандарым укса каршы болушат го, айтчы деги эмне кылам? - Анипа Сайрага сырдашындай кеңеш сурап турганын өзү да билбей калды.

- Мына, өзүң көрүп отурасың, бала үчүн силер бирдей керексиңер. Менден кам санаба, эгерде сен каалабасаң мен Зарылбектен кетип калам, кыскасы жалгыз бала менен калышын каалабайм, өзүмдү гана ойлнуп Зарылбекти кармап жүрө бергеним болбойт...

- Жок-жок Сайра, бул эмне дегениң, андай ойлобо, мен сенин кеткениңди каалабайм, андай оюм дагы жок, - деп Анипа шашкалактап жиберди, - Уулум үчүн мен баарына макулмун, сен кандай десең ошого даярмын!

- Рахмат Анипа, - Сайра Анипаны келип кучактап калды, эки аял бири-бирине түшүнүшүп, бири-бирин аяп дилдеринде сыздап турушканы менен экөө тең тагдырларына тан берип моюн сунуп турушту: "Эл эмне десе десин, баламдын атасы, мына бул мээрман аял үчүн баарына кайылмын, ушундай болот деп ким ойлоптур", - деп ойлонуп Анипа ыйлап турду: "Мен Зарылбекти сүйгөмүн, бирок бала төрөп бере албайм, демек мен төрөбөгөн соң адам эмесмин, жок дегенде бала тарбиялап, сүйгөн адамымдын балдарын багып "эне" болгум келет, алардын эсинде эне катары калгым келди, "бактыма жараша жашагым келди", - деп ойлонуп жатты Сайра. Бири-бирин кучактап алып кое бербей өз армандары өз ичтеринде букка толгон эки аялды кирип келип көргөн Зарылбек делдээ туруп калды. Качан гана эшик ачылганын сезгенде алар босогого тигиле аны көрүп бири-бирин кучактаган колдору бошой түштү. Экөөнүн тең көздөрүндө жаш турган, Зарылбек эмне дээрин билбей:

- Кел Анипа, качан келдиң? - деди жер карай.

- Жанараак келдим.

- Закен, отуруп тамак ич, мен алып келе калайын, - деди да Сайра сырткы бөлмөгө кетти, Зарылбек отурган соң кайсалактай нандан сындырган болду, айтмакчы дасторкон али жыйыла элек болчу.

- Анипа , эмне болуп жатат деги, түшүнсөм буйрубасын.

- Мен дагы, бирок буйрукка айла жок эмеспи...

- Туура, а сен кандай деп ойлойсуң?

- Балам үчүн мен баарына макулмун.

- Ошондой де...

- Өзүң дагы ойлонуп көр, Даниел үчүн дагы ушул туура чечим деп ойлойм, Сайрага ыраазымын, чогуу жашаганга дагы даярмын.

- Кызык, түш көрүп жаткандаймын, - Зарылбек башын төмөн салып отуруп калды, Сайра тамагын көтөрүп кирди, анын артынан Канымжан менен Нуралы кирди, чогуу отуруп тамактанышты, Нуралы уулу менен эки келинин карап коюп жатты, атасы караганда Зарылбек жүзүн буруп кетти. Ошентип уктмуштуудай окуя башталды, арадан бир ай өткөндө Зарылбек менен Сайра шаарга келишти да Анипа экөөнө нике кыйдарышты, дал ошол күнү Сайра агасынын үйүнө кетип Зарылбек Анипа менен калды.

- Зарылбек, баягыда сен айтпадың беле, түш көрүп жаткандаймын деп, азыр мен бул окуянын өңүмдө болуп өткөнүнө ишене албай түш сыяктуу сезип жатам, - деди Анипа.

- Мен дагы, Сайранын мындай чечимге чын дилинен келгенине таңгалганымды айтпа.

- Сен менден качтың эле, тагдыр экөөбүздү кайра эле кошуп койду ыраспы?

- Ырас, бул чындык.

- Сайранын деле жүрөгү ооруп жатса керек?

- Ошентсе да мени сага өз эрки менен бербедиби?

- Туура, көлдөй терең, ааламдай кең пейилдүү аялга жолугупсуң, мен Сайраны аял катары туура түшүндүм.

- Рахмат.

- Мени Сайрадай сүйө албасыңды билем.

- Баарын түшүн, бир ай сени менен болом, сен мага төрөп бересиң, андан кийин боюңа болгондо айылга чогуу кетебиз да элге ачык айтып чындыкка келбесек балага жаман сөз жабышат.

- Зарылбек кучактап койчу.

- Мына, эми менин аялымсың да, - Зарылбек кучактап алды.

- Мусулман жолунда, а балдарды каттаганда кантебиз?

- Анын жолун дагы табабыз.

- Сайрага бооруң ооруп жатабы?

- Арга жок, ойлонуп көрсөм аныкы туура экен, балдар да эки бөлөк болбой өзүбүздүкү болот, бир Даниел болот десем Сайра болбой койбодубу.

- Мен сени сагындым Зарылбек, башка эркекке көңүлүм чаппады, сен мени сүйбөгөнүң менен мен сени сүйөм да... - Анипа Зарылбекти өпкүлөп өзүнчө чери жазылып жатты, - Жаратканга миң мертебе ыраазымын, сенин гана аялың болуп калганыма...

- А мен таңгалганымдан не дээримди да билбей турам.

- Койчу эми, кайрадан эрди-катын болдук.

- Ооба, тагдырдын тамашасы...

- Мен ыраазымын, - деп Анипа керилип-чоюлуп алды, ал ушу кезде өзүн дүйнөдөгү эң бактылуунун бактылуусу сезип турду. Экөө ошол түнү бирге болуп сүйлөшүп өткөн кеткенди эстеп отурганда Сайра ага-жеңесине сыр билгизбегени менен ичинен сыздап: "Ай ушинтип сүйүүмдү башкага бөлүштүм, жараткан мага улуу жана чоң махабат бердиң эле, эмнеге мени бир жагынан кубантып, бир жагынан сыздаттың, деги менин күнөөм кайсы, өзүм сүйгөн эркек азыр башка аялдын койнунда, балким ал дагы кыйналып жаткандыр, же ага баары бир болуп калдыбы, баласынын энеси экенине ыраазы болуп тургандыр, ай кудай ай өзүм кылдым го, эми эмне Зарылбекти кызганып жатамбы, эртең айылга кетейин, бул жерде жүргөнүм болбойт, Даниелим бар, алаксып ойлоно бербей ишим менен алек болом", - деп ойлонуп ары оонап, берип оонап уктай албай чыкты, эртең менен жеңеси Асия ага таң кала кайрылды:

- Сайра, сен түнү уктаган эмессиңби?

- Эмне болду жеңе?

- Көздөрүң барыгып уктабаган белги берип турат.

- Уктадым, узак жолдо кыйналгандыкы го, таксист абдан жаман айдайт экен, өзү орой мүнөзү оор киши экен.

- Андайлар толуп жатпайбы, кел ысык чайдан ич.

- Рахмат жеңе.

- Качан кетесиң?

- Бүгүн эле кетем го?

- Эмнеге шашылыш?

- Ишим бар жеңе, бир иш менен келдим эле...

- Кандай иш?

- Жөн эле...

- Негедир сырдуусуң, көздөрүңдө сары санаа бардай...

- Эмнеге жеңе, кадимкидей элемин, - Сайра жылмайган болду, бирок жүрөгүндө терең сыр катылып, кансыраган жарадар аркар сымал жан дүйнөсүндө дүрбөлөң түшүп, бороон-чапкындуу ээн талаада жол таппай адашып калган жолоочудай бүткөн боюн калтырак басып кетти, андан кийинкисин билбейт, өзүн жоготуп койду. Коркуп кеткен Асия аны зорго жаткырып коюп тез жардам чакырды дароо ооруканага жеткирди.

- Көп ойлонгондон жүрөккө таасири тийген, жакшы болуп кетет, коркунучтуу эч нерсе жок, - деди көргөн врач.

- Жакшы болуп кетсе эле болду, коркуп кеттим.

- Коркпоңуз баары жайында болот.

- Рахмат сизге, агасы да үйдө жок эле, коркконумдан өлө жаздадым, - деп Асия врачка кош-кош ыраазычылык билдирип жатты.

- Бир аздан соң эсине келип калат, күтө туруңуз, - Врач палатадан чыгып кетти. Көптөн кийин көзүн ачкан Сайра:

- Мен кайдамын? - деп кыңкыстады.

- Оорканадабыз, акыбалың кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - Асия ага түшө калып акыбалын сурап кирди, - Жаман коркуттуң да.

- Эмне болду жеңе?

- Эсиңди жоготуп койдуң.

- Өзүм дагы сезбей калдым.

- Эми жакшысыңбы?

- Ооба дурус...

- Эми, бир-эки күн жатасың го?

- Кой кетүүм керек, врач келсе айтып сиз менен эле кетем.

- Ооруп калба, көп ойлонуп койгон дейт, анчалык эмнеге ой басып жүрөт сени, жашооң ойдогудай эле, күйөөң дагы жакшы.

- Жеңе кийин...

- Макул, мен врачка барып чакырып келейин.

- Мейли, чакырып келиңизчи.

- Макул, - деп Асия палатадан чыгып баратып: "Төрөбөй жүргөнүнө капа болуп ойлонуп жүрсө керек байкуш, тийгенине эки жарым жылдай болду, эмдигиче төрөй элек, балким доктурларга көрүнгөнү келгендир, менден жашырып жаткан го", - деп ойлонуп врачка кирди. Сайра дагы: "Баары бир угат да, чындыкты айтуум керек, азырынча апамдар билбей эле койсун", - деп ойлонуп жатканда врачты ээрчитип кирди:

- Акыбал кандай чоң кыз? - деди врач жылмая.

- Жакшы.

- Көп ойлонбоңуз, жүрөккө катуу сокку болгон, дагы жакшы эрте келип калдыңыз, мындайда жүрөк биротоло токтоп калуусу мүмкүн.

- Ойлонгудай болгон жок элем, - Сайра башын ары бурду, калп айтканына жүзү чыдабады.

- Мейли, ылайым ойдон алыс болуп оорубай жүрүңүз, биздин милдетибиз оорулуунун дартын аныктоо, оорусуна бөгөт коюу, - деди да артынан кирген сестрага кайрылды, - Азыр укол бериңиз, керектүүнүн баары жазылды.

- Жарайт Султан Акаевич.

- Мен кете берсем болобу? - деди Сайра.

- Жо-жок, бүгүн кетүүгө болбойт, сиз азыр алсызсыз, бир жумадай жатып дарыланышыңыз керек.

- Өзүмдү жакшы эле сезип калдым өзүмдү.

- Жо-ок, болбой чоң кыз, биз сизге жооп бере албайбыз, мындай абалда кайра ооруп калышыңыз мүмкүн.

- Сайра, жата тур бир аз, жакшы болуп калганың өзүңө дурус болоор, - деди Асия бир жагынан.

- Оору жаңы башталганда алдын ала жакшылап дарыланып алса жакшы, кийин кармабай сакайып кеткендер көп болот, бирок ойлоно берсе кайра-кайра кармап өмүргө коркунуч туудурат, - деди да Султан Акаевич чыгып кетти, Сайра унчуга албай калды: "Зарылбек күтүп жатат го, мени башкача ойлобосо экен, балким биротоло кетип калдыбы деп ойлосочу, ай кудай ай", - деп ойлонуп жатканда сестра келип укол сайды. Асия үйүнө кетмек болуп:

- Мен кечинде Темирбек менен келем, жакшы жат, ойлоно бербе, - деди.

- Мейли жеңе, бүгүн убара болбой эле койгула.

- Убара болчу беле, акең укса кантип токтомок эле, жата тур, мен келем, - деди да жөнөдү.

Сайра ойлуу шыпты тиктей жатып: "Өлүп калуу деле оңой тура, ошол бойдон өлүп калсам эмне, бар азаптан кутулуп калат белем", - деп чалкасынан жаткан келиндин көз жашы жаздыкка куюлуп сиңип жатты. Ошентип жатып уктап кеткен экен канча уктагын белгисиз, Зарылбек менен Анипа келгенде чоочуп ойгонуп кетти.

- Сайра, сага эмне болду? - Зарылбек үйрүлө келип бетинен өөп жанына отуруп колунан кармалап калды.

- Эмне болуп ооруп калдың, угуп алып коркуп кеттим, - деп Анипа дагы келип бетинен өөп маңдайына отурду.

- Эчтеке эмес, бир аз ооруп калдым, - Сайра жылмая карады, - Өзүңөр кайдан уктуңар?

- Жеңеме чалып сени сурасам айтты, - деп Зарылбек күнөөлүүдөй жер карады, ал азыр өзүн чыны менен күнөөлүүмүн деп турду: "Сайранын айтканына көнбөй койсом болмок экен, ал катуу ойлонуп ооруп калган тура, мени катуу сүйөт, кыялбай жаман болгон окшойт", - деп ойлонуп жатты.

- Бир аз ооруп калдым, коркпой эле койгула, бир жумага чейин жатасың дейт врач, болбосо кете берейин дегем.

- Кой, жакшылап дарыланып ал, - деди Зарылбек.

- Ооба, учурунда дарыланганың жакшы, - Анипа дагы кошулду, - Ооруну жаңысында дарыланып алса жакшы болот.

- Рахмат, эми бара бергиле, агамдар келип калышы мүмкүн, азырынча алар билбей кое турсун.

- Анипа, тамагыңды алып кел, - деп Зарылбек ага карады.

- Оой, сөзгө алаксып унутканымды кара, тамак ала келдик, ичип ал ысыгында, - Анипа жаңы гана жасалган ысык тамакты куюп Сайрага карматып алдына майлык төшөп өнтөлөп жатты, бирок оюнда: "Кантсе дагы пенде эмеспи, күйөөсүн башка аялга ыраа көрбөй катуу ойлонгон экен", - деген ойдо болуп турду. Сайрага тамак берип коюп анан Зарылбек менен Анипа кетишти, алар кеткенден көп өтпөй эле Өмүрбек менен Айжамал, анын артынан Темирбек менен Асия, Керимбек менен Күлай келип калышты. Алар Сайраны баса калып өөп ал-абалын сурап, алып келгендерин берип көпкө отурушту. Айжамалдын ичи билинип төрөөрүнө аз калган. Өмүрбек экөө баягыдан кийин таттуулашып калышкан, бирок Айжамал баласынын кимге окшошуп калаарын билбей жүрөксүп жүргөн эле.

- Сакайып кет, шаарга бир келип ооруп калганың эмнең, баарыбызга айылчылап кетпейт белең, жаман кыз, - деди улуусу Темирбек Сайраны мурдунан чымчый эркелетип.

- Ооба десең, шаар көрүп ойноп кеткениң жакшы эмеспи.

- Эми да кеч эмес, врачка дайындап жакшылап дарыла дейбиз, чыккандан кийин ойнотобуз ээ карындашым? - деди Керимбек.

- Зарылбек дагы биердеби? - деп сурады Темирбек бир кезде.

- Ооба, азыр келип кетти.

- Ал эмнеге үйгө барбады?

- Барат го, бир иштери менен жүрөт, - Сайра агаларынан көзүн ала качып ылдый карады.

- Мейли, иштери бүтсө үйгө барсын.

- Биз кетели, сен сакайып кет.

- Жакшы жат, - деп баары коштошуп чыгышты, тамак-ашты толтуруп алып келишкен экен алар кеткенден кийин жанындагы эки аялга кайрылды:

- Эже, мына бул тамактан куюп ичсеңиздер, мен баарын иче албайм, калып калбасын.

- Тамактар төгүлүп жатат, - деди бири, - Кой, сенин шагың сынбасын, - деп туруп келип идиштерине куюп алып барып ичип отурушту, - Күйөөң жакшы жигит экен, жанындагы келин ким?

- Ал аяшыбыз болот, - Сайра илгиртпей жооп бере салды, өзү дагы ошол суроону берээрин сезгендей алдын ала жооп даярдап турган эле.

- Жакшы келин экен, бир туугандарың шаардабы?

- Ооба.

- Эң кичүүсүсүңбү?

- Ооба.

- Канча бир туугансыңар? - деди баятан бери унчукпай отурган аял, - Кыздан жалгызсыңбы?

- Жо-ок, эки кыз үч эркекпиз.

- Жакшы экен, кандай бактылуусуң, - Улутунуп алды, - Менин өзүмдөн башка эч кимим жок, жадагалса күйөөмдү дагы ыраа көрбөдү...

- Эмне болду эле?

- Авариядан өлдү, жаңы эле үйлөнгөнбүз, менин көз алдымда ошол үйлөнгөндөгү жакшы элестер, бактылуу мүнөттөрүм гана калды, - Келин үшкүрүп алды, - Менин атым Асылкан, ата-энем жаш кезимден эле өлүптүр, алардын элестери жадымда жок, апам төрөөрү менен көз жумса, атам мен үчкө чыкканда өз машинасынан авария болуп өлүптүр...

- Жаман болгон экен, ата-энеңдин ата-энеси бар бекен?

- Жок, экөө тең балдар үйүндө өсүптүр, кийин үйлөнүп алышкан экен, мен дагы балдар үйүндө өстүм.

- Капаланбачы, менин дагы жүрөгүм ооруп чыкты, - деп жанындагы аял сөзгө аралшты, - Ар бир пенденин өзүнчө купуя сыры бар, азап-арманы бар.

- Туура айтасыз, - деди Сайра, - Ар бир эле адамда арман болот экен, айтыла турганы да, ичте сактала турганы да...

- Сенде арман жоктур, калдайган агаларың, эжең менен өз энең бар экен, карачы ооруп калсаң баары жетип келип отурат, - деди Асылкан, - Менин жатканыма бир айдан ашты, бир жан басып келбейт, эч кимим болбосо ким келет айтчы сиңдим? - Буулуга көз жашын аарчып алды, - Жакында бир укмуш уктум.

- Кандай укмуш? - Сайра баш көтөрө карады.

- Менин апамды таштаган аял өлөөрүндө кат жазып апам менен кошо жетимканага таштаптыр, - деди Асылкан, - Апамдын атын дагы ошол мага таята болчу адам Созулай коебуз дечү тура.

- Кызык экен, аты-жөнү болсо издеп көрүңүз да.

- Аты-жөнү бар экен, жери жазылбаптыр, азыр жыйырма жетиге чыктым, ал киши бар болсо жетимиштерден ашты го, мага таята болот экен да, - Асылкан улутунуп алды, - Оорум күчөп калып жатып калдым, болбосо издеп табат элем.

- Жүрөктөнбү?

- Ооба.

- Мени дагы жаңы башталыптыр дейт, мурда жүрөгүм деле ооручу эмес, - деди Сайра.

- Оору күтүлбөгөн жерден башталат экен да.

- Ошондой...

- Балалуу болдуңар беле? - Асылкан капыстан суроо салды.

- Жж-жо-ок, - деп Сайра такала жооп берди.

- Эми болот да, шашканда эмне? - деп койду Асылкан.

- Баса, сиздин таятаңыздын аты ким экен?

- Сатыбалды Нуркулович деген экен, таенемдин аты Саткынай болуптур, катын окуп алып аябай ыйлагамын, таенемдин өпкө оорусу кармап ошондон көз жумуптур.

- Ии-ий, мен ал кишини тааныйм, биздин айылдык болот, балким ошол болуп жүрбөсүн?

- Кандай адам, университетте окуган экен кызматчы беле?

- Мугалим болчу.

- Ошол болушу мүмкүн, мен таенемдин катын алып барам, сен мага айылдын дарегин жазып берчи.

- Макул, эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо мен кеткенде чогуу эле барбайсызбы? - деди Сайра ага кайрыла карап.

- Аракет кылам, эч кимим жок дебей жакын адамымды таап алсам кана, өмүрүмдө бактылуу адамдардын биринен болоор элем, - Асылкан муңая карап кубангандай болуп турду, берки аял бир азга аны карап отуруп анан сөзгө аралашты.

- Тилегиң орундалсын, дүйнөдө адам баласы кайгы тартпасынчы, менин беш балам бар, атасы мен оорусам кейип-кепчип калат, сен ооруй көрбө, сен болбосоң менин күнүм не болот деп, жалгыздык жаман, мен дагы жалгыз кыз элем, ата-энем өлгөндө жаман болуп жүрдүм, күйөөмдүн жакшылыгынан эле жашап калдым.

- Мага күйөөдөн да буйрубады.

- Кудай бир жагынан болбосо бир жагынан берет, үмүтүңдү үзбөй жүрө бер, ден-соолугуңду ойло, азыр эмне жапжашсыңар.

- Ошо да, Асылкан эже капаланбай мени менен бирге барсаңыз эле таятаңызды таап аласыз, мен сизди куттуктап барам макулбу? - деп Сайра жылмая карады, - Ооруну өзүңүздөн алыс кубалап коюңуз.

- Ошент, жаш кезде эмне ооруп турдум, ойноп күлдүм дебейсиңерби.

- Айла жок эже, жан кейитип ооруп турса айла жок экен да, - Көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп анан ар кимиси өз ойлору менен алек болуп калышты. Сайра Зарылбекти ойлонуп жатып уктап кетти, түшүндө жалаң майда балдар тегеректеп алыптыр, өзү аппак кийинип алып баягы балдардын улам бирин көтөрүп алып өзүнчө эле бактылуу, айланасы көк шибер жайкалган жапжашыл тоодо жүрүптүр, бир кезде Зарылбек алдынан чыгып келип колун сунганда колун берди да экөө кол кармашып кайдадыр кетип баратканда ортосунда Анипа пайда болуп үчөө кетип жатканда Анипаны бир кара булутка окшогон неме куюн сымал удургуп келип алып кетип калды. Зарылбек жанында эле жүрүптүр, экөө сүйлөшкөндөй болду, бирок эмне деп сүйлөшкөнү эсинде жок, ойгонуп кетти. Жүрөгү алаптап калыптыр: "Бул эмнеси, Анипа эмне болот, кудай ай жамандык болбосо экен, Зарылбекти бала үчүн өз макулдугум менен ага жакындатып жатканда", - деп ойлоп оодарылып жатып калды. Терезеден күүгүм кирип калганын көрүп апасынын: "Күүгүмдө жатпай жүр, шайтандар байырлаган кез болот, күүгүмдө төшөктө жатсаң алар сени бул өмүр бою ушундай болуп төшөктөн турбасын деп батасын берип коюшат экен", - деген сөзүн эстеп өйдө болуп отурду. Асылкан менен Дилде дагы уктап жатыптыр, эмелеги түшүн кайра эстеди: "Эмне деген түш болду, Зарылбекке кайра тийгенине өкүнүп жатабы", - деген ой башына келгенде жүрөгү зыр этип алды. Эртеси эртелеп Зарылбек менен Анипа дагы жетип келишти, алардын жүзүндө кубаныч бардай, Зарылбек гана аялынын көзүнө чөп салган эркектен бетер көзүн ала качып тайсалдап жатты.

- Бүгүн дуруссуңбу, акыбалың жакшыбы? - деди ал акырын.

- Жакшы элемин.

- Сакайып кет, сенин ооруп калганыңа аябай капаландык, - деди Анипа.

- Рахмат, кабатыр болбогула, кечээ агаларым келип врачка сүйлөшүп кетишти, бүгүн эрте дагы жаңы уколдорду берди.

- Жакшы болгон тура, укол-дарыга акча керек болсо айылга барып келейин, - деди Зарылбек.

- Кереги жок, апамдарды убайымга салганда эмне.

- Мындайың жок эле... - деди Зарылбек.

- Жаңы башталыптыр деди го врач.

- Этият болушуң керек анда.

- Кудай сактасын, - Сайра күйөөсү менен Анипаны алмак салмак карап коюп жатты, Анипа алып келген тамагын куюштуруп алдын Сайрага берип, анан Асылкан менен Дилдеге дагы алып барып берип жаткан.

- Өзүңө кара, көп ойлоно бербе, ооруканадан чыгаарың менен айылга барып түлөө өткөрөлү, - деди Зарылбек.

- Убара болбо, мен өзүм эле кетем, ооруганымды атамдар билбей эле койгону дурус, сен бул жерде болушуң керек, - Сайра тигил аялдардын көзүнчө ачык айта албай туюк сүйлөдү.

- Ошол кантип болсун, кааласа Анипа дагы барат, кайра келе берет да, - деп үңкүйдү Зарылбек: "Байкушум ай, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, дегендей буга да кыйын болду, ушинтип эле ортобуз сууп, эки жакка бөлүнүп калабызбы?", - деп жүрөгү канжар менен сайгандай тыз-тыз этип алды.

- Сайра, мен бара берейин, базарга чыгышым керек, Зарылбек отуруп анан кетет, - деди Анипа Сайра менен өбүшө коштошуп, ал экөөнү сүйлөшүп алсын дегендей ойдо болгон эле.

- Мейли, барсаң бар, убараланбай эле койчу.

- Ошонун убарасы барбы, сен үчүн кандай кылсам дагы жарашат, - деген Анипа жылмая чыгып кетти.

- Кандай иштер? - Сайра Зарылбекти сырдуу карап сурады.

- Жакшы эле...

- Закен, баса врачка көрсөтүш керек го Анипаны, - деди ал жакын отурганда шыбырай, - Экөөбүздүн оюбуздагыны берсе болду го ээ?

- Шашпа жаным, сени сагынып бук болуп кеттим, - деп эңкейип өөп калганда Асылкан менен Дилде палатадан чыгып кетишти, Зарылбек аймалап анын жанына керебетке жатып алып бекем кучактап моюнунан жыттап жатты, - Сен мени жинди кыла жаздадың, сенден ажырап калбайын деп ушул ишке бардым, жүрөгүм ачышып көңүлүм ооруп жатат Сайраш.

- Көнүп кетесиң, өзүңдүн эле аялың го, башка болсо бир жөн, уулуңдун апасы, - Сайра Зарылбекти жаагынан сылай өөп алды, - Мен ыраазымын, өз көңүлүм менен ушуга бардым го?

- Бирок жүрөгүң ооруду да, мен үчүн ооруп калдың да.

- Билбейм, сүйгөн адамыңды өз колуң менен бирөөгө салып берүү оңой болбосо керек...

- Алтыным ай, төрөбөсөң деле мейли эле, өзүбүз бактылуу жашай бермекпиз, Даниел аман-эсен чоңойсо болду эле да.

- Ирээнжий бербе, бар Анипанын жанына бар, сен эми анын никелүү эрисиң, көңүлүн оорутпа, ал дагы сенин балдарыңа эне болот, мени ойлой бербе, үч агам тең жеңемдер болуп келип кетишти, бүгүн дагы келишет, менден кабатыр болбо, - деп күйөөсүнүн мурдунан чымчый өөп койду, - Баса Темирбек акем сени үйгө келсин деп жатат, сыр билгизбей барып кой, ишим бүтпөй жатат деп айт, - Сайра ага сөз үйрөтүп жатканда Айжамал кирди.

- Оо кыз-күйөө кандайсыңар?

- Жакшы-жакшы жеңе, - Зарылбек уяла тура калды.

- Эки күндө эле сагынышып кеткенсиңер го, кандай Сайра, ал-абалың жакшыбы? - деп келип өөп учурашты, - Жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы болуп калдым, кетейин десем болбой жатат го?

- Сен өзүңө кара, жакшылап дарылан, кечээ акем врач менен сүйлөшсө этият болбосо жүрөктүкү жаман, ушундайда дарылансын, алдын ала жакшы дарыланса өзүнө жакшы дептир, бүгүн жаңылап жазган уколдорду бердиби?

- Ооба, алтыда келип үч укол салып, бир капельница куйду.

- Көрдүңбү, ошону алып бүткөндө дагы байкап көрүп жакшы болсо чыгарат, - деп Айжамал чын дилинен айтып алып келгендерин тумбочкага койду.

- Сайраш, мен бара берейин, - деди Зарылбек.

- Күйөө бала, эмнеге шаштың анчалык?

- Сайраш өзү билет, иштер бар эле...

- Бара бер, - деди Сайра ага баш ийкей, - Зарылбек, бүгүн келбей эле кой, эртең келээрсиң.

- Макул, жеңе жакшы калыңыз, - Зарылбек палатадан чыгып баратып: "Жүрөктүкү жаман, ушундайда жакшылап дарылансын", - деген врачтын сөзүн эстеп алып коркуп кетти: "Эми эмне болот, катуу ойлонуп койгон окшойт, байкушум ай, сакайып кетсе экен", - деп ойлуу башы оогон жакка кетип жатты.

- Жеңе, мен сизге бир сөз айтайынбы? - деди ал чыгып кеткенден кийин Сайра.

- Айта бер, ошончолук маанилүүбү?

- Ошондой го, - деген Сайра өзү жөнүндө айтып келип калганын айткан жок, - Мен төрөй албайт экенмин.

- Сен ошого ойлоно берип ооруп калгансың го?

- Ошенттим окшойт, Асия жеңеме айтмак болгомун, үлгүрө албай эсимди жоготуп коюпмун.

- Ага анча ойлонбой эле кой, күйөөң сени сүйсө таштабайт, бала багып алсаңар да болот, - Айжамал Сайранын көңүлүн көтөрмөк болуп аны жубата сүйлөдү, - Капаланып көп ойлонсоң эмитен эле оорукчан болуп каласың, жыйырма үч жашыңда оорусаң кандай күндө каласың?

- Билбейм, балалуу болгум келген.

- Кайгырба, бул дүйнөдө жалгыз эле сен бекенсиң, толуп жатат төрөбөгөн аялдар, кээ бирөө төрөгөн баласынан көрбөй, төрөбөгөн аялдар баккан баладан жыргап жатпайбы.

- Зарылбекти аяйм, өзү жалгыз бала, баласы дагы жалгыз болуп калса эмне болот, кайненем билбейт, ал мени төрөйт деп күтүп жүрөт, - деп ыйлап ийди.

- Күйөөңө айттың беле?

- Айткамын, ал тургай ажырашалы дедим.

- Эмне дейт?

- Болбой жатат.

- Көрдүңбү, сени сүйсө ал сенден ажырабайт.

- Ошентсе да...

- Андай мындайды кой, сакайып чыксаң бала алганга мен сүйлөшүп беремин, багып аласыңар.

- Көрөбүз го, Зарылбек эмне дээр экен? - деп Сайра дагы бир сырын ачуудан тартынып турду... Седеп сары санаа болуп кызынан тез-тез кабар алчу болгон, Сайралар шаарга кеткен күнү дагы келип калыптыр. Канымжан менен көпкө сүйлөшүп отуруп бир нерсе айтмак болуп бирок айта албай кайра кетти: "Сайра менен кеңешейин, эгер төрөбөйсүң деп кодулай турган болсо тынч эле ажыраштырып алайын", - деп ойлонуп баратты. Ал өзү дагы бир нече көзү ачык менен айтып берчүгө барса баягыл эле: "Күндөшүнүн балдарына көз каранды, өзү төрөбөйт", - деген жооп алат: "Эми кантейин, аялы баласын берген тура, тынч жашап калса болду", - деп ойлонуп кызынын эмне кылып жүргөнүнөн кабарсыз үйүнө келди. Бул ишти Нуралы билди, Канымжанга айтмак болуп отурган, Седеп кеткенден кийин сөз баштады:

- Кемпир, мен сени менен кеңешейин деп отурам, уул-келиниңдин кеткен себеби...

- Эмне айтмаксың? - Орой суроо узатты Канымжан.

- Сайра төрөбөйт экен.

- Эмне дейт ботом?

- Ошондой экен, Анипа келиниңди көндүрүп кайра эле ал экөөнү нике кыйдырмак болуп кетишти, эки келиндүү болдук буйруса, муназага келишип, ынтымакташып, өздөрү эле бүтүрүп алышыптыр, кудай деп туралы.

- Кудай айланайын, бул эмне деген шумдук, кеткен келиним кайра макул болуптурбу? - Канымжан таңгала карады күйөөсүн.

- Макул болгону ошол да, эмне депутаттар эле эки катын алса жарашабы, менин уулумду өздөрү жактырып, каалап макулдашып жашашса мейли, - Нуралы карс-карс этип күлүп калды.

- Ой бир обу жок неме экенсиң го, балдардын ортолорунда кандай болуп жатканын билип, түшүнбөй эле айта бересиңби, байкуш Сайра өзүнүн төрөбөстүгүн билген соң аргасыз ошого барган го, олда-аа карангүн ай, алтындай келинимдин айыбы төрөбөгөндөбү? - деп Канымжан кейип калды.

- Кайгырба кемпир, бетин ачып алышса чогуу жашайбыз деп чечишиптир.

- То-оба айланайын жараткан, - деди Канымжан ойлуу.

- Чоң апа, атамдар качан келет? - деп Даниел кирди.

- Алдыңа кетейин десе, атаңдар бүгүн эле кетишпедиби.

- Качан келет дейм? - Даниел эркелей кайталады.

- Эки-үч күндө келип калышат.

- Азыр эле келбейби? - Чоң энесине эркелеп жабыша кетти эле,

- Чалчаңдабай жүрчү, обу жок эркеликтен пайда жок, кардың токпу? - деди Канымжан ачуусу келе.

- Нан жейм.

- Тигил жерден алып же, - деп сервантты колу менен көрсөттү Канымжан, Даниел нан алып алды да кайра чыгып кетти.

- Эми эмне болушат, эки катында эптештире албай балам байкуш ортодо курубаса болду, шумдугуң кургур, Сайраны минтет деп ким оюна келиптир, Анипанын дагы бир кыялдары бар эле, орун алып алгандан кийин ал байкуштун жүрөгүн оорутпаса болду?

- Кабатыр болбо байбиче, өздөрү чечишкен соң жайына кой, ынтымакташып кетишет, - Нуралы көңүлү жай гана баш ийкеп кемпирин жайгарды.

- Ким билет, төрөбөгөнүн билип бечара өзүн күнөөлүү сезип Закенимди аяса керек?

- Экөө тең уулуңду жакшы көрөт шекилдүү, - Нуралы күлүмсүрөп койду, - Мындай бакытты ар бир эркекке эле жаза бербейт.

- Ийи, - Канымжан күйөөсүн ормое карады, - Сенин дагы оюңда эки аял алуу бар окшойт?

- Койсоңчу кемпир, мен картайдым, уулум үчүн сыймыктанып отурам, бири төрөп берсе, бири багып берет, кадимки илгерки бай-манаптардын турмушундай.

- Сенде өзү уят деле жок, байкуштар аргасыз гана бири-биринин көңүлүнө карап көнүп жатса сен оюн көрөсүң, Анипа деле баласы үчүн макул болсо керек, - Канымжан бирдеме эсине келгендей күйөөсүнө кайрылды, - Капырай, кудагый билет болду бекен ыя?

- Кайдан билдим, Сйранын айтканын мага Закен өзү айтканда эмне дээримди билбей калгамын.

- Эгерде кудагый билбесе, агалары билбесе чатак чыгарышат го, ай балам ай балам, баарын бүтүрүп анан иш кылса эмне? - Канымжан кейип-кепчий отуруп калды...

Сайра эки жумадан кийин ооруканадан чыкты, аны ага-жеңелери чыгарып кетмек болгондуктан Анипа келген жок, Зарылбек жанында болду, адегенде алар Темирбектикинде болушту, эки күндөн соң Керимбек алып кетти, анан Өмүрбек менен Айжамалдын үйүндө болушту. Коноктошуп, Сайраны киного, концертке, анан паркка алып барып көңүлүн көтөрүп, кетээрде Дордойго алып барып кыз-күйөөсүнө кийим-кечек алышып анан узатмак болгондо Сайра:

- Аке, биз азыр айылга кетпейбиз, аяштарыбыз күтүп жатат, бир-эки күндөн кийин кетебиз, сиздер убара болбогула, - деди.

- Мейли, атайын шаарга келген соң ойноп-күлүп анан кеткиле, - дешип тим болушту. Зарылбек алардан узагандан кийин:

- Сайраш, сен өзүңдү-өзүң кыйнап жатасың, азыр биз айылга кете берели, Анипа барса өзү бараар, - деди.

- Закен, бул эмне дегениң, мен сенден төрөлгөн баланы жыттагым келет, ойногонумдан ушул ишке барды дейсиңби же көпкөндүктөнбү? - Сайранын ыйлагысы келип кетти.

- Сенин жүрөгүң оорукчан болуп калса канттим, мага деле оңой болгон жок, сенден ажырап калбас үчүн макул болуп алып сенин ооруганыңа кабатырланып жатам.

- Эч кабатыр болбо жаным, мен сени бактылуу кылгым келген, колумдан келбеди, ушул жол менен гана экөөбүз тең бактылуу болобуз, же эки жолго түшөбүз, - деп Сайра ага катуу айтканда унчукпай калды, экөө ээрчише Анипанын батирине келишти, ал жок эле, ачкычтын бири Зарылбекте болгондуктан ачып киришти.

- Жатып эс ал, - деп Зарылбек төшөк салып жаздык коюп берди, - Чарчадың го ысыкта.

- Эмнеге чарчамак элем, кайра көңүлүм көтөрүлүп калды.

- Алтыным десе, сексендеги кемпирдей акылдуусуң, көп жашап койгондойсуң, - Зарылбек анын жанына жатып алып кучактап алды, - Мен сенин демиңди сагындым, оорубачы алтыным, сен оорусаң мен кантем? - Экөө бири-бирин кыса кучакташып жатып алып көпкө эзилишти.

- Сен эми тур, Анипа келип калса жаман ойлобосун, - деди Сайра күйөөсүн жүзүнөн өөп туруп өзүнөн оолактата түртүп, - Тур, сыртка чыгып кел, чай-пай коюш керекпи?

- Сен жата бер, мен тамак жасайын, баягы эттен дагы бар, - Зарылбек тамашалай күлдү, - Эки аялыма өзүм тамак жасап берейинчи.

- Ошентсең, - Сайра дагы күлүп калды, - Сен деген башкача жансың, башкача эркексиң, сен эки аял алууга татыктуусуң.

- Мени баалаганыңа ыраазымын, менин сүйүктүү жарым, жанымдын жартысы...

- Закен, Анипа келгенче мен айылга кете бербейинби?

- Эмнеге? - Зарылбек Сайраны элээ карады, - Эмнеге кетмек элең, чогуу кетебиз, бүгүн биерде болобуз, эртең Анипа барам десе барат, болбосо биз кете беребиз, - деп жатканда Анипа кирип келди.

- Кандай Сайра, ал-абалың жакшыбы? - Кучакташып өбүшүп учурашышты, - Мен бара албай калдым, капа болбодуңбу?

- Эмнеге капа болом, мен өзүм келбедимби? - Сайра күлүп койду.

- Кыскасы сен жакшы болуп кетсең эле болду, - Анипа тамакка камынып жаткан Зарылбекке бурулду, - Биздин жигит катуу киришкен го?

- Ооба, ал сен экөөбүзгө тамак жасаганы жатат.

- Азамат, - Сайрага көзүн кыскан Анипа, - Мен кийим которуп алайын, сыртка чыга турасыңбы? - деди.

- Эмнеге, чечине бер, эми ал экөөбүздүн тең күйөөбүз эмеспи? - Сайра кашын кага карады, - Уялбай эле которуна бер.

- Мен ары карап турам, - деди Зарылбек. Анипа кийимин которуп халатын кийди да Зарылбекке жардамдашмак болду, кечинде бирге тамактанган соң Зарылбек экөөнүн ортосуна жатты, үчөөнө үч бөлөк төшөк салынган. Сайра өзүнчө: "Эми апамдарга кантип айтам, кокус билсе мени алып кетмек болушат, акемдерчи ай кудай ай, эптеп аларга билгизип алсам анан унчукпай көнүп калышат эле", - деп ойлонуп жатты, Анипа болсо: "Зарылбек мени сүйбөгөнүн билем, баламдын келечеги үчүн, Зарылбекти өзүм сүйгөнүм үчүн ушуга кайыл болгонумду атамдар укса эмне дешет, менден кечип коюшат го, ажырашкан күйөөңө аялы бар экенине карабай эмнеге кайра бардың деп, баскан из артта өткөн окуя көргөн түштөй унутулушу керек беле, же мен каталык кетирдимби, өз чечимимди өзүм туура деп ойлогонум менен башка бирөө туура көрбөсөчү, балким мен дагы төрөп берсем Зарылбек балдарым үчүн мага имерилип кетээр, Сайрадан акырындап сууп калаар, мен жеңип кетээрмин", - деп ойлонот. Зарылбек дагы өзүнчө ойго батып үчөө тең шыпты карап санаага батып жатып кеч укташты. Эртеси Зарылбек менен Сайра айылга кетип Анипа калып калды, ал кийин бармак болду, анткени ал апасына болгонун болгондой айтмак болду, алардан кийинки таксиге отуруп түз эле ата-энесине келди.

- Кел кызым, жакында эле кеттиң эле го, кайра эмне болду? - деп атасы Сталбек утурлай басты.

- Жөн эле ата, ысыкта соода кылуудан тажап кеттим.

- Аа-а, ошондой дейм да, салкын түшкөнчө үйдө эле боло бер кызым, балаңа кайрылып ала келсең болмок экен.

- Бир-эки күндөн кийин барам, - деп үйгө карай басты, - Апам үйдөбү ата?

- Жүргөн, ушакташкан досторуна кетсе керек да.

- Коюңузчу, - деп ичке кирип кийимдерин коюп, анан кайра чыга берээрде апасы келип калды.

- Кел, кайра эмнеге келдиң, жайчылыкпы?

- Атам экөөңөр тең эле эмнеге келдиң дейсиңер да? - Анипа таарына калды, - Мени көргүңөр келбей калганбы?

- Ой кокуй күн, кетпей кое тур десек болбой кетсең, анан кайра келип калсаң, тынчылык болсо эле болду.

- Апа, сени менен сүйлөшө турган сөз бар.

- Кандай сөз? - Эне кызын таңгала карады..

- Атам кайда кетти?

- Аның эмне бекерчи да, жүрө берет, - Бурма жактырбагандай карады, - Эми көпкө болосуңбу?

- Ооба...

- Ой, сенин көзүңдө бир сыр бар го, эмнени сүйлөшөйүн дедиң эле?

- Апа, мен сиз менен атайын кеңешейин деп келдим.

- Кандай иш?

- Отурсаңыз, - деди да ойлуу бир аз туруп калды.

- Жайчылыкпы деги?

- Апа, ачууланбай угуп тур, - Анипа башынан баштап айтып келди, - Ошондой Зарылбектин ата-энеси деле билбейт, эми мен барсам эле жарыя кылат, Сайра өзү төрөбөйм деп ушуга барып жатат, болбосо кайдан макул болмок эле, мен баламдын атасынын жанында болушу үчүн аргасызмын, анын үстүнө ал төрөбөгөндөн кийин канчага чыдамак эле, мүмкүн атайын ошентип туруп кетип калышы да мүмкүн.

- Кызым ай, адегенде кеңешпей эми айтканың кантип болсун, баары бүтүп боесу кангандан кийин мен эмне демек элем? - деди Бурма ойлуу, - Багыңа келсе бакчай деген, Зарылбекке кайрадан байланыпсың, өзүң бил.

- Мейли апа, пешенеме жазылганын көрөөрмүн.

- Ошол да, - деп койду Бурма, - Эми атаң укпасын.

- Макул, эртең барам, Даниелди алып келип биерде бир топко жүрөбүз, - Анипа унчукпай отуруп.

- Өзүң бил, - деди Бурма. Ошентип Анипа өзүнчө жеңилденип калды, эмкисин өз тагдырынан көрмөк, оюнда Сайра чыдай албай кетет деген ишеним бар: "Зарылбек деле балдарына карайт да, ал төрөбөсө, мен төрөп берсем мага эле карап калат, чыдай турсам акыры мен орунумду табам деп ойлойт.

Сайра кайненесинен тайсалдай баштады, анткени алар келээри менен эле уулун өзүнчө бөлүп алып:

- Балам, силер эмне иш кылып жүрөсүңөр, Сайра өз көңүлү менен болгондо дагы жүрөгү ооруйт да, - деди ачуулуу.

- Апа, менин деле оюм жок эле, өзү болбой койду.

- Анипа дароо эле макул дей койдубу?

- Бир айдай ойлонду го...

- Карангүн ай, эми кандай болоор экен, ынтымак болуп кетсеңер го мейли, эл-журт бар, бири буруп, бири бузуп сүйлөп көрө албагандар чыгат, ар кандай сөз чыгат, Анипа менен Сайраны бузуп уруштурат, ошондо чыдай алышабы? - Канымжан уулун кабатырлана карады.

- Апа, Сайра укса капа болот, ал эки жума ооруканада жатып чыкты, улак алып келейин, түлөө өткөрүп коелу.

- Мейли балам.

- Закен, - деди Нуралы, - Төштөгү сарайга барсаң ошондо он чакты жандык бар, малды бөлүп-бөлүп бербедикпи.

- Мейли анда, жакын экен, - деп Зарылбек сыртка жөнөдү, Сайра кайненесинин сөзүн бүт уккан, өзүнчө камыгып: "Мен эмне деген балээнин ичинен чыктым, жөн эле кете берсем болмок экен, апам менен агамдар укса эмне дешет, мага капа болушат го, же биерге калтырбай жетелеп басып кетишеби, эми менден сураса эмне дейм", - деп өз жумушу менен алек болуп жүрө берди, Канымжан ага үндөгөн жок. Бирок ага боору ооруп аяп турду: "Курган келин ай, аргасыздан сыздап турсаң да чыдап калдың го, кайсы аял эле койнундагы эрин башка аялга салып берсин, Зарылбекти кармап калуунун амалыдыр", - деген ойдо зымыраят. Эртеси Анипа келип калды, Канымжан эки келиндин кыймыл аракетине көз салып сынап жатты. Анипа менен Сайра ысык учурашып анан союлуп жаткан улактын ичегисин жуумак болуп барышты:

- Сайра, сен тим эле кой, колуңду сууга салба.

- Сен отура бербейсиңби, мен эле жууй коеюн.

- Жо-ок, заматта жайлайм, андан көрө сен башка ишиңди жасай бер, - дешип бири-бирин аяп жатты. Зарылбек улакты союп казанга салган соң чогуу отуруп чай ичишти. Анипага Даниел эркелеп жармаша кетти.

- Апа дейм, эми кетпейсиңби?

- Ооба, апаң кетпейт уулум, - деди Зарылбек сырдуу.

- Соодаңды эмне кылдың балам? - деди Канымжан.

- Товарлар камерада, барып калам го? - Анипа Сайраны карап койду, - Бир-эки күндө кетем го...

- Шаарда күн ысык чыгаар азыр, бир-эки айга чейин биякта жүрүп салкын түшкөндө кетсең болбойбу?

- Анда товарым жоголуп кетет да.

- Ийи кокуй күн, аны кайдан билейин.

- Апа, Анипа менен Закен шаарга кетишет, Даниел экөөбүз биерде болобуз, - деди чымыркана сүйлөп Сайра.

- Эмнеге? - Канымжан келинин элээ карап калды.

- Апа, биз эми чогуу жашоону чечтик, анда-мында келип турабыз, - деди Зарылбек жер карай.

- Кудай уу-ур, кайнагаларың билсе эмне дейт?

- Билбейм, - деди күңк этип.

- Мындайыңарды койгула, андай болсо Анипа биякка биротоло келсин, эл чакырып ачыкка чыгаралы, эки келиндин тең ата-энесинин алдынан өтүүбүз керек.

- Апаң туура айтат, - Нуралы сөзгө кошулду, - Баары өз-өз орду менен болгону оң.

- Апа, - деди Сайра, - Анда мен Зарылбек менен ажырашуум керек, экөөнү деги баш коштуруп койдум, "Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы", - дегендей пешенем ушул болсо көтөрбөгөнгө чарам жок эмеспи? - Муңканып жашына мууна түштү.

- Балам, ал эмне дегениң? - Канымжан чоочуй карады.

- Апама өзүм айтып келем, агамдарга өзү түшүндүрөт.

- Макул-макул балам, шарият жолунан чыкпай туура иш кылганыңар жакшы... Ары кетип, бери кетип жатып акыры эки келиндин ата-энесин үйгө чакырып кеңешип бүтүрмөй болушту. Сайра апасы келгенде аны менен кетип коно жатып ыйлап отуруп баарын айтып бергенде өзү дагы көз жашы кылды:

- Кантейин кызым, үч уктаса түшкө кирбегендей окуя болду го, андан көрө ажырашып эле алсаңчы?

- Жок апа, мен Зарылбектен ажырабайм.

- Алда-а карангүн ай, үстүңө аял алдырып кантип кана жашаар экенсиң, - деди Седеп.

- Жашай берем апа, балдарын багам, мени алар апа дешет, Зарылбек дагы менден ажырагысы келбейт, акемдерге түшүндүрүп айт, мени туура түшүнүшсүн, - деди Сайра. Ошондон көп өтпөй эле айыл ичине сөз жайылып кетти.

- Нуралынын баласы эки аялы менен тең жашап жатат дейби?

- Капырай, аялынын эзели согончогу канабай турган болсо анан эмне кылат?

- Бечарага кыйын болгон экен анда.

- Тобо-о, илгери ушинтчи эле, төрөбөгөн аял мындайыраак сиңдилерин күйөөсүнө алып берип баласын багып жашай берген, кайра илгерки заман келип калды окшойт.

- Ой ансыз деле бизнесмен менен депутаттар экиден катын алып жашыруун жашап жатышпайбы, жөнөкөй адам эки катын менен жашаса болбойт бекен? - дешип биринен-бири сөз талашып дуң эле дей түштү. Сталбек чычалап кызын урушуп, тилдеди, Сайранын агалары күпүлдөп алып кетебиз, биерде калбайсың дешип ызы-чуу болду, акыры эки келин өздөрү чечкенин айтып тыйып койду. Ошондон кийин Анипа кайра шаарга кетти, Зарылбек бир айда бир-эки жолу барып келет, Анипа дагы баласын алып кетип кайра келип турат. Арадан жарым жыл зымырык куштай сызып өтүп Анипа кош бойлуу болуп калды. Зарылбек ага тамак-аш, эт жеткирип жумалап калып калчу болду. Ал кеткенде Сайра Даниелди кучактап алып жатып ал уктагандан кийин өз ордуна жатып ыйлап кирет: "Ушул азаптын мага эмне кереги бар эле, эми Зарылбек ага биротоло каралап калсачы", - деп ойлогондо жүрөгү зырп этип кокусунан ийне сайып алгандай селт этип кетет да: "Мейличи, өз-өз жолубуз менен кеткенибиз дагы жеңил болоор, мынчалык болгон соң акырына чейин чыдайын", - деп ойлоп өзүн-өзү сооротуп коюп жүрө берди. Анипа дагы уул төрөдү, болгону күбөлүк алууга келгенде эмне кылаарын билбей калды Зарылбек. Анипага:

- Анипа, ушул баланын апасы Сайра деп жаздырбайлыбы? - деди аны карап.

- Зарылбек, сен ойлонуп көрчү, мен го макул...

Өмүрбек окуусун бүткөндөн кийин өз кесиби боюнча жумушка орношо албай кыйналды. Айжамал уул төрөп алган, бирок ага Өмүрбек бериле албады, колуна алып үрөйүнөн өзүнө окшоштукту таба албай ирээнжип кетчү. Айжамал эбак иштен чыгып баласы менен алек, Өмүрбекке кармата коюп баланы ага жакындатууга тырышат, бирок ал бир нерсени шылтоолоп көп албайт. Бир күнү Айжамал:

- Өмүрбек, сен эмне балалуу болгонуңа өкүнүп жүрөсүңбү? - деди жанында жатып.

- Ким айтты?

- Дегеле карап койбойсуң, Максатты колуңа алып эркелете элексиң, үч айдан өтүп күлүшүп калды, имерилбей койдуң го?

- Азыр кичинекей эмеспи, эркелеткенди билмек беле?

- Карасаң уктап жатканын, мурду менен каш-кабагы сага эле окшошуп турганын, - Айжамал наристесин өөп койду, - Алтыны го, кичинекей жолборсу го ушул.

- Кой уктайлычы, - Өмүрбек ары карап жатып алды.

- Чарчадыңбы? - Айжамал артынан кучактады.

- Ооба.

- Иш таппадыңбы?

- Жок, кызматка отуруш үчүн өзүмдүн кунумду төлөсөм гана болот окшойт.

- Өмүш.

- Ийи.

- Баягы мен иштеп жүргөн фирмага барып көрбөйсүңбү?

- Ага сен эле бара бер.

- Эмнеге?

- Сен иштеген жетекчиге мен барайынбы? - Өмүрбек ачуусу келе бери карады, - Мени эчтеке билбейт деп ойлобо, аялым менен ойнош болуп жүргөн немеге барып иштейинби?!

- Өмүрбек...

- Болду, эчтеке сураба! - дегенде Айжамал үн дей албай калды, эгерде бир сөз айтса тумшукка жейт беле: "Кудай ай, бул баарын билет тура, эмнеге унчукпай жүрдү экен, эми кантип жашамак элем, кетип калсам бекен, баламды бирдеме кылып коебу же кийин кордук көрсөтөбү, андан көрө мындан кеткеним дурус", - деп ойлонуп ары карап ыйлап жатып уктап калды. Өмүрбек эрте туруп өзү тамактанып жумуш издеп чыгып кетти, ал кетээри менен Сайра келди:

- Кел-кел, сен кайдан? - Айжамал жакшы тосуп алды.

- Атайын келдим жеңе, Максатты көрүп келейин деп.

- Рахмат, - Өйдө өт.

- Бир жакка жөнөгөнү турдуңуз беле?

- Ии-ий ооба, - Айжамал тайсалдай түштү, ал кетмек болуп кийим-кечесин даярдап жаткан эле.

- Узаккабы, кийимдериңизди даярдап алыпсыз.

- Ооба, - деп сөзүн буруп дасторкон жайып чай-пайын алып келди, - Өзүңөр кандай жатасыңар?

- Жакшы эле.

- Кичинекейиңер чоңоюп калдыбы?

- Ооба, эки жакты карап калды.

- Анипа кандай жүрөт?

- Жакшы эле.

- Сен бекер кылдың, өзүңдү-өзүң маскараладың, төрөбөгөн аял аз бекен, толуп жатат, Анипа эмне балдары болгондон кийин өзү билип өзү коет, өзү башкарат, баса күбөлүгүн кандай кылып алдыңар?

- Мага жазылды.

- Ыраспы, Анипа макул болдубу?

- Ооба, мындан башкасы өздөрүнө эле буйрусун, заксты кестирип экөөнү закска тургузам.

- Эмнеге? - Айжамал көздөрүн чо-оң ача карады.

- Ошол, ата-энеси менен закондуу түрдө болгону жакшы го?

- Сен чынында өтө акылсызсың же акылдуунун акылдуусусуң, билбейм эмне деп айтышты, ойго келбеген ишти жасай берет экенсиң Сайра.

- Туура эле иш кылып жатам жеңе, ыр чыры жок акырын гана кетип калам, азыр кетем, ажырашам дегениме болбой жатпайбы?

- Азамат, оюң жакшы экен.

- Ошондой жеңе, - Сайра улутунуп алды.

- Капаланба, баары жакшы болуп кетет, түбөлүккө алардын баласын багып жүрө берет белең, - деп Айжамал Сайраны сооротуп отурганда Максат ойгонуп ыйлап калды, - Алтыным ий, апасынын кымбаттуусу го? - Көтөрүп алып чыкты эле Сайра ала койду:

- Чоң жигит болуп калган го? - Өпкүлөп жатты, - Ыя жеңе, балаңыз кимге окшоп калган? - деп эч нерсе оюнда жок эле күлүп койду, Айжамал эмне дээрин билбей кайсактап суроону жоопсуз калтырып, - Мурду таптакыр акеме окшобойт, тагаларын тартып калган го? - Мурдунан чымчып койду.

- Ооба-ооба, - Айжамал кубанып кетти, - Иниме окшоп калыптыр, эр тайын тартат эмеспи.

- Чын эле.

- Мен айылга бармак элем, эми сени кантип таштап кетмек элем, жай отур, тамак-аш жасайын, - Айжамал шыпылдап дасторконун жайып ишине киришти, - Иниңди алып отуруп тур.

- Ма-акул жеңе, Максатчик экөөбүз сүйлөшүп отура беребиз, - Сайра наристенин улам күлүп койгонуна кубанып жатты.

- Зарылбек сен ажырашып заксты кестирем десең болобу?

- Билбейм, өзүм ошондой ойлоп жатам, антпесе Анипа улам төрөгөн баласын эле мага бере бермек беле?

- Кызык, эмне деген окуяга туш болдуң деги?

- Айла жок жеңе, жок дегенде бирди төрөй алсам мындай болмок эмес айла жок? - Сайра терең дем ала отуруп калды. Ал күнү аерде конок болду, Өмүрбек дагы карындашынын келгенине кубанып отурду. Эртеси Сайраны узатып коюп Айжамал эми сыртка чыгып баратканда анын алдынан Арзымат Алиевичтин айдоочусу чыкты:

- Саламатсызбы, Алиевич сизге буларды берип жиберди эле, - деп машинасынан гүл менен торт, эки-үч коробканы түшүрдү.

- Эмнеге? - Айжамал жини келип карады.

- Аны билбейм, мен тапшырманы гана аткарам, киргизип бербейинби? - деди айдоочу.

- Кереги жок, алып кетиңиз.

- Андай кыла албайм, - деген айдоочу коробкаларды көтөрүп ичкериге киргизди да кетип калды, гүлдүн тең ортосунда бир барак кагаз бар экен, аны алып окуп кирди Айжамал: "Саламатсызбы Айжамал, мен сизден кабар ала албаганыма кечирим сурайм, уулдуу болупсуң куттуктайм. Менин сага кайрылып отурганымдын жөнү бар, жакында аялым капыстан эле ооруп каза болду, азыр жалгызсырап отурам. Балким мени жек көрүп жаткандырсың, ошентсе дагы айтып коюум керек, бала меники экенинде күмөнүм жок, ойлонуп көрүп бир ыгын таап мага жолук, баламды башка бирөөгө телинтким келбейт. Арзымат Алиевич, 2001-ж.", - деп коюптур.

- Акмак, эми аялы өлгөндө керек экенмин да, уятсыз айбан! - деп Айжамал гүлдү таштандыга алып барып таштап катты тытып коюп коробкаларды бошотуп: "Буларда эмне күнөө", - деп акырын баштыкка салып ички бөлмөгө киргизип катып койду. "Көрсө өлтүрөт, ал билбесин", - деп кайра отуруп калды. Кечинде келген Өмүрбекке тамак-ашын даярдап алдына коюп, жуунганына суу жылытып, сүлгүсүн белендеп жыпылдай берген аялына Өмүрбек:

- Сага эмне болгон? - деди кайрылып.

- Эмне болуптур?

- Жыпылдап эле калыпсың го?

- Тобо, өнтөлөп койсом дагы жакпаймбы?

- Мындай эмес элең...

- Өзүң байкабасаң керек, ар дайым эле ушундаймын, сени сүйгөн адам күнөөлүүбү Өмүш?

- Ооба-а, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, бирок...

- Эмне, эми сен сүйбөй калдыңбы?

- Эми сүйүү деген бир кезде келип-кетет экен да.

- Өмүш, антпечи кудай жалгагыр, мен сени түбөлүк сүйүп өтөм дебедим беле, дагы эле сүйөм...

- Жокту сүйлөй бербе, жатып эс алалычы.

- Макул, - Айжамал тултуңдай ички бөлмөгө кирип кайра чыкты, - Эмесе мен ажырашам, эртең атамдыкына кетем.

- Мейли, кетсең кет, - деп койду Өмүрбек.

- Сен ушунчалык эле менден сууп калдыңбы? - Айжамал ыйлап карап турду күйөөсүн, Өмүрбек унчуккан жок, эртеси эле Айжамал ата-энесиникине кетип калды, Өмүрбек негедир баланы көргөн сайын ичи муздап отуруп сууп бараткан болчу, кеткенине кейип да койбоду...

Негима мектепти бүтүп керектүү документтерин даярдап эми шаарга жөнөөр алдында турган. Ошол кезде ал бир ойду ойлоп коркуп кетти: "Алмаз мени шаардан көрсө соо койбойт, быйылча үйдө эле болоюнчу", - деп өзү айнып калды. Сатыбалды кызынын минтип айнып калганына таңгалып:

- Кызым, эмнеге айнып калдың, мүмкүнчүлүгүңдү кетирбесеңчи деди, - Кызыл аттестат, медалың турат.

- Ата, шаарга баргандан корком.

- Эмнеге?

- Билбейм, - деп туюк жооп берди Нагима, ал жүрөксүп сыртына өз оюн чыгарбады, Сатыбалды шаардагы балдарына сүйлөшүп келмек болуп жөнөп калды, ошол кезде Бактияр Нагимага кат жөнөтүп ар кандай таттуу сөздөрдү шурудай тизип жөнөтүп жаткан. Анара окууга шарты келбей үйүндө калган, Нагимага келген, экөө короонун сыртында турганда Бактияр басып келди:

- Кандайсыңар кыздар?

- Жакшы, - деп Нагима күлүмсүрөп сынай карап калды, ал каттагы жазылган сөздөрүн эстеген эле.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - Анара анын турушун тиктеп калды, - Сиз бир жерде иштеп жатасызбы?

- Жо-ок, кайдагы иш? - Бактияр ыңгайсыздана башын кашылап калды, - Нагима окууга барганы жатасыңбы?

- Ооба, жакында кетем.

- Көрүшпөй калабыз го?

- Биз көрүшүп жүрдүк беле? - Нагима ага тике караганда ал жер карап кыздан сүрдөп кетти.

- Жок-жок, ошентсе да...

- Нагима, мен кетейин анда, - Анара кетмек болду.

- Макул Анара, мен сени узатып коеюн, - деп Нагима аны жандай басты, Бактияр алардын артынан келе жатты. Анара ары узагандан кийин Нагимага жакын келди:

- Нагима, мен сени сүйөөрүмдү өзүңө айтайын деп келдим.

- Айтканда эмне...

- Сүйүү ушундай бир башкача сезим экен...

- Мен билбейт экенмин.

- Койчу Нагима, мени шакаба кылып турасың го?

- Шакаба эмес.

- Баягы жигитиңди таштадыңбы?

- Ал менин жигитим эмес.

- Чын элеби? - Бактияр кубанычтуу карады.

- Ооба, мен аны сүйгөн эмесмин.

- Ал жоголдубу, көрүнбөй калды.

- Шаарга кеткен, - дегенде Бактияр унчукпай калды, ал андан кызганып кетти: "Демек шаарга барса жолугуп турат да, сүйбөйм деп калп айттыбы, же чынбы", - деп туруп калганда Нагима үйүнө кирип кетмек болду эле:

- Нагима, бир аз сүйлөшүп турбайлыбы? - деди.

- Жок, жумушум бар, жакшы бар.

- Макул, - деп башын шылкыйта аны карап туруп калды, Нагима дарбазадан кирип баратып аны бир карады да кирип кетти, Бактияр артына бурулуп үйүнө кетти. Нагима үйүнө киргенден кийин өзүнчө: "Чынында сүйүү ушундай назик сезим, канчалык бекем болсоң да махабаттын алдында алсызсың, Бактияр мени чын сүйөт экен, көздөрүндө алдамчылык жок, чын ниети менен айтып турганына ишендим, мен жаңылып калдым сүйүүдөн, Бактиярдын Алмаздан эмнеси кем, керилген эле жигит, сүйсө болот, ата-энемдин жанында", - деп ойлонуп диванда отурганда Үмүт кирди:

- Кызым, окууга барганга камын, атаң кайра келсе эле сени алып кетет, сүйлөшүп келем деди.

- Апа, барбайм дедим го?

- Кой, барбасаң болбойт, окуйм дечү элең го?

- Көңүлүм жок апа.

- Айылдын көпкөн балдары ала качып кетсе эмне кыласың ыя, же күйөөгө тийгиң келип жүрөбү? - Үмүт ачуулана атайын коркутмак болду.

- Ала качпайт.

- Кайдан билесиң, ала качса опоңой эле.

- Коюңузчу апа, мени эле карап туруптурбу?

- Мейли, эгер бирөө алып кетсе ыйлап арызданба, - деп Үмүт сырткы бөлмөгө чыгып кетти.

- Ыйлабайм, - Нагима бурк этти...

Бактиярдын кадимкидей болуп токтолуп калганы жоро-жолдошторуна дагы жетти, ал Зарылбек менен бирге окуган, Акмат экөө сүйлөшүп отурганда ал:

- Сен уктуңбу дос, Зарылбек эки аял алыптыр.

- Койчу? - Бактияр таңгала карады, - Ким айтты?

- Көрдүм, ал тургай классташтар барабыз деп жатышат.

- Жакшы го, сен экөөбүз бир аял ала албай жатсак, - Бактияр күлүп калды.

- Сен качан үйлөнгөнү жатасың?

- Жакында.

- Чын айтасыңбы?

- Калп айтчу белем?

- Деги да...

- Буйруса жакында үйлөнөм, - деди да Акмат менен коштошо ары кетти, ал келгенде Айылчы сыртта жүргөн.

- Кайда жүрдүң балам? - деди ал.

- Балдар менен эле.

- Ийи, малдан кабар алып кел эртең барып.

- Макул, - Бактияр атасына бир нерсе айтчудай кайсактай туруп калганда:

- Бирдеме айтайын дедиң беле? - деди.

- Ата, Сатыбалдыкына барып келбейсиңерби?

- Эмнеге? - Айылчы билип турса да атайын сурады.

- Кызына куда түшүш керек...

- Болду балам, апаң менен кеңешип Эркинбек акеңдерди да чакырып барып келебиз, кам санаба уулум, Сатыбалды кызын аябайт.

- Чын элеби? - Бактияр кубанып кетти.

- Кыз макул болсо, Сатыбалды менин колумда.

- Окууга кетирбей алып калыш керек, - деген Бактияр өз оюнда аны башкадан кызганып жатты. Ошентип ал Нагима дегенде ак эткенден так этип жүрүп акыры тилегине жетти, Сатыбалдынын үйүнө барышканда ал ойлуу:

- Кыз баланы кыстаганда болбойт, өзү билсин, - деди.

- Ооба, балдар сүйлөшсүн, - Үмүт күйөөсүн коштоду.

- Мейли Сатыке, биз дагы ошону ойлодук, силерге рахмат, эми биз кызды көрөлү, - деди Бермет. Үмүт чыгып барып Нагиманы кийинтип алып ээрчитип келди, баары кызды көрүп ыраазы болуп турушту.

- Айланайын, бактылуу бол, - деп Бермет Нагиманы чекесинен өптү, - Бактылуу бол садага. Ошентип кызды көрүп ата-энесинен жылуу сөз угуп келишти. Нагима чын пейлинен Бактиярды ойлоп жатты, каршы да болгон жок, Үмүт алар кеткенден кийин:

- Кызым, сенин оюң кандай, Бактиярга көңүлүң барбы? - деди.

- Апа, силер кандай десеңер ошо да.

- Сенин окууга баргың келбегенин эми түшүндүм, - Үмүт кызын жылмая карады, - Өзүң бил каралдым, багың ачылсын, Айылчы кызды көргөндөн кийин ого бетер уулуна ыраазы болуп калды: "Чырайлуу татынакай кызды жактырган уулума рахмат, ошол кыз баламдын акылына киришине себеп болду, демек алып берүүм керек", - деп камынып калды. Ошондон кийин Бактияр кыздын үйүн сагаалап жолугууга далалат болуп жүргөндө атайын аны тосуп чыккандай Нагима чыгып калды, далдоо жерде турган Бактияр ага жете келди:

- Нагима кандай?

- Жакшы.

- Мен сага үйлөнөйүн дегем, кандай дейсиң?

- Үйлөнүш оңой, жашап кетүү кыйын.

- Мен сенин каалаганыңды аткарамын Нагима.

- Алдын ала убада берүү болбогон сөз.

- Сенсиз жашоомду элестете албай калдым, чынында бала кезден эле жакшы көрөм, билесиңби? - Бактияр күлүп ага кайрылды, - Мен сегизинчиде, сен төртүнчү класста окуп жүргөндө балдар менен аябай мушташып жатсам сен карап турупсуң, дароо баягы баланы кое берип кетип калгам.

- Билем, - Нагима дагы жылмайып алды, - Качан болсо мени көргөндө качып кетчүсүң, сени мен хулиган деп жек көрөөр элем.

- А мен сени көргөндө баарын унутуп койчумун.

- Эмнеге ошентчүсүң?

- Өзүм да билбейм, жаш экенмин да, атамдан тайманбаган мен сенден аябай уялчумун көрсө ошондо эле сүйчү окшойм.

- Бир адамдын сүйүүсү жетеби?

- Неге, мен сени сүйсөм болду да.

Экөө көпкө сүйлөшүп турушту, ошо жайда кудалашып кызга сөйкө салып коюшту, андан кийин Бактияр менен кыз жолугуп сүйлөшүп жүрүп күзүндө экөөнү баш коштуруп коюшту, Бактиярдын кубанычы койнуна батпай классташ-досторун өзүнчө чакырып үлпөт тоюн өткөрдү. Бул тойго Зарылбек Сайра менен келди, Анипа шаарга кетип иштеп жүргөн эле. Бака-шака түшүп отуруп Зарылбекке Акмат минтип калды:

- Зарылбек, берки аяшты деле ала келсең болмок экен.

- Ал шаарда болбосо келмек, - Зарылбек күлүп калды.

- Сайранын пейили кенен экен, биздин аялдарыбыз өлүп калмак, - деди Эркин деген классташы, - Өзүм эле болом дешет, - Эркин каткырып калды.

- Ошол үчүн байкап туруп алыш керек да.

- Койгула эми, Бактияр менен Нагима үчүн келгенден кийин бул жерде экөөнө гана арнайлы жакшы сөздөрдү, - деди Сайра күлүп, - Тамаша үчүн убакыт толуп жатат.

- Сайра туура айтат, - деди Акмат, баары аны коштоп калышты, тойдо көңүлдүү отуруп кайтышты, Бактияр досторун узаткандан кийин колуктусунун бөлмөсүнө кирди.

- Нагима, бактылуусуңбу сүйүктүүм? - деп аста бетинен өөп койду.

- Өзүңчү? - деди Нагима.

- Мен айтып жеткире алгыстай бактылуумун, сен жанымда турганыңа ишене албай түш сыяктуу сезип турам.

- Чынбы?

- Чын айтам, ишенчи Нагима.

- Ишендим, - деп жылмайганда Бактияр колуктуну кучактап алып бөлмө ичинде айлан-көчөк болуп жатты, - Болду Бактияр!

- Болбойм, сени өмүр бою ушинтип эркелетип өтөм.

- Рахмат.

- Сыпайыланба, эми биз жубайларбыз, баштагыдай сенден тартынбайм, - деп өпкүлөп төшөккө алып барды. Кыз-күйөө өз бөлмөлөрүндө калганда аны баягы эски адаттарын карматып оозгу бөлмөдөн, терезе тушунан тыңшап жатышты. Эртеси жеңеси келип: "Келиниңер эркек төрөдү", - деп ырым-жырымын жасашты. Ошентип Нагима Бактиярдын жары болду. Сатыбалды кызына бир таңгала бир ыраазы болуп турду: "Ушул кезде шаарга окуйм дебей туура жолду тандады, үй-бүлөө күтүп бактылуу болгондон жакшысы барбы, кызым эстүүлүк кылды", - деп ойлонуп жүргөндө анын үйүнө бирөө кат алып келди. Бул катты Асылкан ооруканада жатып бирөөдөн берип ийген эле. Анткени ал бала кезинен жүрөк оорулуу эле, апасынын төрөлгөндөгү катын кошуп койгон.

- Катты сизге берип кой деди эле, - деди алып келген киши Сатыбалдыга.

- Ким, кайдан берди?

- Ооруканада жаткан келин берди, кыязы оорусу катуу го?

- Ким болуп кетти деги? - Сатыбалды катты шашыла ачып көз жүгүртүп баратып Созулай дегенди көрүп бир нерсе эсине түшкөндөй саамга катты окубай токтоп ойлуу туруп ары окуй баштады. Катты мындай жазыптыр: "Бул катты Саткынайдын курбусу Жаңылбү жазды. Саткынай Созулайды төрөп эле каза болду. Мен Созулайды бир жашка чейин гана багып өзүм турмушка чыгып калып карай турган эч кимиси жогунан алып келдим. Саткынай менен Сатыбалды Нуркулов деген жигит сүйлөшүп үйлөнмөк болуп жатканда ал ата-энесине кетип ошол бойдон келбей калган. Созулайдын атасы Сатыбалды Нуркулов деген Университетте окучу, ошондо жыйырма экилердеги жигит эле. Эгер бул кыз чоңойсо сөзсүз ошону издеп тапканга жардам бергиле. Менин атым Жаңылбү. 1956-жыл, 19-январь. Созулайдын туулган күнү 1974-ж.13-май деп жазылган катты окуп жатып колдору калтырай турган ордунда катып калды: "Байкушум ай, сени канчага чейин издебедим, көрсө келбес болгон экенсиң да", - деп сакал муруту ылдый жашы куюлуп туруп анан экинчи катты окуп кирди: "Саламатсызбы? - дептир, - Мен Асылкан, Созулайдын кызы болом. Апам мени төрөгөндөн кийин эле өлгөн экен, атам авариядан каза болгон соң мен дагы балдар үйүндө чоңойдум. Бала чактан жүрөк оорукчанмын, азыр оорканада жатам, менин бул дүйнөдө жакын адамым жок, анткени ата-энем балдар үйүнөн чоңоюп үйлөнүп алышкан экен. Эгерде менин таятам экениңиз чын болсо жакын адамымды бир көрүп бактылуу болгум келет, өлсөм ыйлап жоктоор эч кимим жок... Асылкан Турдуева. 2001-ж. 22-август", - дегенин окуп ого бетер мууну бошоп турду: "Өзүмдөн туулган кызымды да көрбөпмүн, эми неберемди өзүм көрүп колума алайын, эч кимиси жоктой кылбайм, сөзсүз барам кызым", - деп ойлонуп телмирип турганда Үмүт анын жанына келди:

- Ой сага эмне болгон, баятан бери чакырганымды тоготуп койбойсуң да? - деп карысынан булкулдатканда анын колундагы катка көзү түштү, бири жедеп саргайып калган эски кат, биринин сыясы кургай элек ак кагаз, - Бул эмне?

- Кат, - деди Сатыбалды.

- Кимден?

- Кир үйгө, айтып берем, - Сатыбалды салмактуу басып үйгө кирди, экөө жайланышып отургандан кийин сөз баштады, - Бул сага чейин болгон окуя болчу, Саткынай деген кызды сүйүп калдым, экөөбүздү өлүм гана бөлбөсө эч ким бөлө албайт дечү элек...

- Баягы токсон тогуз сүйүүлөрүңдүн бириби? - Үмүт аны жактыра бербей ээгин түйрүп койду, - Сүйүүсүз эле жашап карып баратам.

- Тынч отуруп укпайсыңбы, согуштан кийинки жылдарда боору бүтүн, башы эсен чанда үй-бүлөө болчу, Саткынай дагы атасы согуштан кайтпай калып, апасы чоңойгондо өлүп жетим калган экен. Мен аны катуу сүйгөмүн, атам чакырып алып сени алып берип койбогондо мен ага үйлөнмөк болгом.

- Болуптурчу, - Силкинип ары карады.

- Эми сен жаш эмессиң, мени туура түшүн, жетимишке кирдим, ошол Саткынайдын кызынын кызы кат жазыптыр, ага азыр абдан колдоо керек экен, жүрөгүнөн оорукчан тура...

- Эмне кылайын дейсиң?

- Мен эртең шаарга барып аны көрүп таанышып келейин.

- Өзүң билесиң да.

- Кара өзгөйлүк кылба, канткен менен дагы кырк жылдап жашап койдук, экөөбүз эми талашып тартышканда эмне, сен күнүлүк кылба, шаарга барып неберемди көрүп келейин, - деди Сатыбалды салмактуу сүйлөп.

- Бара бер, эми дагы каяктан балдарың чыга калаар экен, балдарың укса эмне дейт?

- Балдар түшүнөт, - Сатыбалды аялына нааразы боло туруп баратып, - Кийимимди дайындап кой, эртең чыгам, - деди да чыгып кетти.

- Деги ушунун кылыгы жаныма батып кетти, дагы кайсы кокту-колоттон балаң болом деп чыга калышаар экен? - деп күңкүлдөп отуруп калды Үмүт. Сатыбалды эрте чыгып түш оой шаарга жете келип дареги менен оорукананы издеп жүрүп араң тапты да Турдуева Асылкан дегенди издеп жатты. Асылкан уктап жаткан, аны жанындагы аял ойготту:

- Асылкан, сени бирөө чакырып жатат.

- Ким экен? - деп уйкусурап алып кайра: "Мени издеп келе турган ким бар эле, катымды алып ошол киши келип калган го", - деген ойдо шаша халатын кийе салып палатадан чыкты, жүрөгү лакылдап эшикке жетти, негедир эт жүрөгү улам булкуп өзүн жоготуп ала жаздап сыртты окошкадан карады, - Асылканды ким издеп жатат?

- Кызым, мен издеп жаттым эле Турдуева Асылканды, - Сатыбалды оозго жакын келди.

- Мм - мен болом...

- Айла-анайын десе, жакшы жүрөсүңбү? - деди Сатыбалды колдору калтырай, - Эшикти ачпайт бекен кызым?

- Азыр тихий час да...

- Мына буларды ала гой, мен күтүп турайын ачканча, - деп пакетке салынган тамак ашты тешиктен берди.

- Рахмат, азыр чыгам, - Асылкан пакетти алып палатасына баратып ыйлап жатты: "Мени издеп келе турган, өлсөм көмө турган адамым бар экен ээ, жаштайымда оорунун азабын тартып соолуп баратам, дартыма дабаа болчу нерсе табылаар бекен, ушул кубаныч дагы мени сакайта алабы", - деп ар кайсыны ойлонуп палатага кирип баштыктарды коюп кайра чыгып санитаркага барды, ал Асылканды тааныйт, акырын эшикти ачып чыгарып койду.

- Кызым! - деген Сатыбалды Асылканды бооруна кысып көпкө солкулдап турду, - Айланайын десе, мени кечиргиле, силерден кабарсыз элем.

- Кечирим сурабаңыз, келгениңизге рахмат, - Асылкан дагы ыйлап турду. Кубанычтан жүрөгү алаптап туруп заматта өңү купкуу болуп өзүн жоготуп койгондо Сатыбалды коркуп эшикти такылдатып катуу кыйкырды:

- Жардам бергиле, жардам бергиле айланайындар! - Ошол убакта медсестралар жүгүрүп чыгып Сатыбалды туурасынан алдына алып отурган Асылканды колдошо ичкери кирип кетти, - Мен дагы кирейин кыздарым, - дегенде бери кайрыла берип:

- Жок болбойт, туруп туруңуз, - деген бойдон көрүнбөй калышты, арадан бир сааттай убакыт өткөндө алсыз көзүн ачкан Асылкан:

- Менин таятамды киргизип койгулачы, - деди.

- Бир аз жатыңыз, анан кирет.

- Жок, көзүм бурулуп кеткиче сүйлөшүп турайынчы...

- Сиз сакайып кетесиз, өмүрдөн үмүт үзбөңүз.

- Жок, менин жашоодон үмүт үзгөнүм качан, мен жакын адамымды биринчи жолу көрүп турам, уруксат бергилечи, - деп суранганда врач баш ийкеп койду эле Сатыбалдыны ээрчитип кирди медсестра. Өздөрү палатадан чыгып кетишти, врач:

- Көп сүйлөшпөңүз, оорулуунун алы начар, - деди.

- Макул айланайын.

- Сизди келет деп күткөн эмесмин, - Асылкан үнү угулаар-угулбастай сүйлөдү, - Мени өлсөм дагы ушул жерден ким алып кетет деп коркоор элем.

- Андай дебе кызым, сен жашсың, жаман ойду ойлонбой жүр.

- Макул, - деген Асылкан жүзүнөн кан-сөлү жок бозоргон калыбында жылмайып койду да уктап бараткандай сүзүлүп баратты.

- Асылкан, айланайын көзүңдү ач! - Сатыбалды колунан силкип ийгенде коридордо жүргөн медсестралар кирип келди.

- Эс алсын, тим коюңуз, - деди бири, - Сиз сыртта болуңуз.

- Мен врач менен сүйлөшсөм болобу айланайын?

- Болот, жүрүңүз мени менен, - деди медсестранын бири илбериңки. Сатыбалды врачтын маңдайына отураары менен:

- Сиз кимиси болосуз? - деди.

- Мен таятасы болом, мындан кабарсыз элем, бу кыздын акыбалы өтө оорбу, сакайып кеткенге болбойбу?

- Неге болбосун, операция жасаш керек, бизде дагы дары дармек жетишсиз, сатып алуу керек, - деп врач алакан жая карады.

- Деги канча керек балам, ошондо сакайып кетээрине көзүңөр жетеби?

- Жетет аба, жетип эле турат, болгону каражат керек, бери жагы жетимиш-сексен миң сом керек.

- Сакайып кетээрине сөз бергиле, акчаны өзүм табам.

- Жарайт, сөз берем, көптөн бери жатат бечара, бирөө да басып келбейт, өзү балдар үйүндө өскөн экен, ошолор бир аз жардам беришет, - деди врач.

- Эмесе өзүм табам акчаны, качан операция жасайсыңар?

- Эгерде сиз акчаны алып келе турган болсоңуз бир жумага чейин даярдайбыз, - деди врач шыпылдай.

- Болду, мен анда кызымдын жанына барып сүйлөшүп анан кетейин, жакшылап карагыла, колумда барын аянбайм, - Сатыбалды кабинеттен чыгып палатага барса Асылкан уктап жаткан экен, өңүндө тирүүлүктүн жышааны жок: "Ээ жараткан, бир кездеги каталыгымдын күбөсү, мени кечире гөр жараткан, бар малымды чачсам дагы айыктырып алайын, арбак ыраазы болсун, эзели жүзүн көрбөгөн кызымдын арбагы ыраазы болсун, аппак сүйүүмдөн жаралды эле, эми жок дегенде ошондон калган неберемдин жашоосун улантып, ажалга бөгөт боло алаар бекенмин", - деп ойлуу отурду, күүгүм кире баштаганда көзүн ачып күлүмсүрөй карады:

- Кыйналдыңыз го, бара бербейт белеңиз, - Үнү зорго чыкты.

- Сенин көзүңдү ачканыңды көрөйүн деп отурам кызым, дурус болуп калдыңбы?

- Жакшы, азыр бир топ дурусмун.

- Кызым, мен айылга барып сенин операцияңа акча алып келейин, сен ойлонбой жата бер, - деди Сатыбалды Асылканга, - Буйруса сакайып кеткенге мүмкүнчүлүк бар дейт доктур.

- Сизге оор келбейби?

- Жо-ок, эмнеге оор келмек эле, азыр биердеги балдарыма барып сени көрүп тургула деп дайындайм, - деген Сатыбалды эмне деп айтаарын билбегендей жер карап калды. Бир аздан кийин Сатыбалды эки уулунун иштеген жерине барып ачык айта албай "досумдун кызы экен, мага дайындаптыр", - деп койду. Ошентип шаарда эки күн туруп кайра айылга жөнөдү, тоодон эки жылкы алдырып келип сатты да жүз миң сомду төш чөнтөгүнө салып ооруканага келди. Ошондо жылкынын баасы 45-50 миң сом болуп турган эле. Асылканды операцияга алып киргенде эки уулу менен келини болуп чогуу келгенин көрүп Асылкан кубанып турду:

- Тирүүмдө жан тартып жакшы сөз айтаарым жок деп катуу кайгырчу элем, мен сизге ыраазымын! - деп Сатыбалдынын колунан алып өөп көз жашын төгүп ийгенде ал да чыдай албай көз жашын куюлта:

- Кызым, капаланбай сакайып кетүүнү ойлон, мына биз барбыз, - деп чекесинен өөп сооротуп жатты.

- Мен жаратканга ыраазымын! - Ошол убакта медсестралар аны сүйрөп операционныйга алып кетишти. Сатыбалды отургучка отуруп калды. Дүйшөнбек менен Бейшенбек атасын карап бири-бирине көзүн кысып жылмайып коюшту.

- Ата, бул кыз чын эле досуңуздун кызыбы? - деди Дүйшөнбеги жанына келип отуруп.

- Ооба.

- Билбейм, сизге андан дагы жакындай го?

- Кайдагыны айтпачы балам, досум атайын менин аты-жөнүмдү айтып кат жазып берип жалгыз кызын өлөөрүндө дайындаптыр, - Сатыбалды калп айтып турганына ичинен кудайдан кечирим сурап жатты. Арадан эки-үч сааттай убакыт өткөн кезде операционный бөлмөдөн врач чыкты эле Сатыбалды тура калды.

- Оорулуунун ал-акыбалы кандай? - деп Дүйшөн сурап калды.

- Операция жакшы болду, буйруса баары жакшы.

- Кудай жалгасын балам, колуң дарт көрбөсүн.

- Рахмат, - деп коюп врач чарчагандай ары басып баратканда Сатыбалды.

- Кирип көрсөк болобу балам? - деди.

- Бир аз кое тургула, наркоздон чыга элек.

- Ма-акул, - деп Сатыбалды отуруп калды. Асылкан операциядан кийин абдан жакшы болуп калды. Баса Сайрага келип жүргөндө Өмүрбек Асылканды бир көрүп көңүлүнөн кетире албай калып карындашы чыгып кеткенден кийин гүл алып келип кеткен. Ошондон бери ар дайым келип турчу, операциядан чыккандан кийин келип калды, палатада болчу. Колунда бажырайган роза гүлдөрү бар:

- Кандай акыбалдар? - деди жанына отуруп.

- Жакшы, соолуп бараткан гүлгө суу куйган менен тамыры куурап баратса пайдасы канча...

- Кой антпе Асыл, өйдө болчу.

- Өмүрбек, мени тынч кой, жаңы эле операциядан чыктым, - деди Асылкан онтолой.

- Эмне, операция жасаштыбы? - Өмүрбек таңгала карады.

- Ооба, түндө жасашты.

- Жакшы өттүбү операция?

- Көрүп турбайсыңбы Өмүрбек, мен тирүү турамын го?

- Жакшы болуптур, эми сен сакайып кетесиң, - деп Өмүрбек кубанычтуу келинди жүзүнөн сүйдү, - Куттуктайм сулуум.

- Рахмат.

- Мен сага эмне алып келейин?

- Азыр эч нерсенин кереги жок, эс алайын бүгүн, кыйналып турамын Өмүрбек, сен бара берчи, - деди Асылкан сүйүңкүрөбөй.

- Макул, жакшылап эс ал, мен кечинде жумуштан кийин келем ээ? - деп Өмүрбек келинди жүзүнөн өөп палатадан чыгып баратып кылчая карап койду да жөнөп кетти. Асылканды бир көрүп сүйүп калган Өмүрбек анын абалына боору ооруп врач менен сүйлөшүп, тааныш издеп жүргөн эле. Айжамал кеткени ал капаланган дагы жок, анткени Айжамалдын Арзымат Алиевич менен жүргөнүн угуп калган. Баласынан күмөнү жок жүргөндө бул сөз аны биротоло карайтып суутуп койгон болчу. Асылкан он күн өткөндөн кийин чыкмак болуп калганда Сатыбалды Үмүт экөө келип күтүп турушкан, ооруканага гүлүн көтөрүп келе жаткан Өмүрбек аларды көрүп учурашып туруп калганда Асылкан чыгып келе жатты эле Өмүрбек жетип барып:

- Акыбал кандай? - деп эки бетинен өөп калганда ал:

- Өмүрбек, уят эмеспи, менин таятамдар турат, - деди шыбырай.

- Ыя, алар ким? - Өмүрбек чоочуп кетти.

- Тигине, сени менен сүйлөшүп тургандар.

- Койчу?

- Эмне окшобойбу? - деп Асылкан жылмая аларды көздөй басып баратты.

- Кызык, - деп артынан басты Өмүрбек.

Асылканды үйүнө алып келген соң Сатыбалды түлөө өткөрүп, балдарынын баарын чакырып тааныштырып койду, адегенде балдары ишенип-ишенбей жаман болуп, атасын кекетип жатты, ошондо Асылкан:

- Адам баласы жаныңда жакын адамың жүрсө кадырын билбейт экен, бирок ааламда жалгыз калуудан өткөн арман жок экенин ар бир адам эле биле бербейт, мени кабыл алсаңар да албасаңар да баары бир сиздердин алдыңыздарда карыздармын, - деди муңая карап.

- Кой кызым антпе, - деп ийди Үмүт, - Кабыл албаганда эмне, өткөн нерседен калган бир бүркүм окуяны эске албаганда сен деле адамдын баласысың, балдар сага боорун ачып бир тууган боло алат, капаланба садага, - деди аны жубата, анткени Үмүт өзү дагы бир тууганы жок жалгыз болчу. Бир эжеси жашында эле кайтыш болгон, апасы жакында өтүп кетти.

- Ооба, капаланба карындашым, - деди Дүйшөн, - Биз сени өз арабызга кошуп алабыз.

- Рахмат сиздерге, көзүм өткөнчө ыраазымын, - Асылкан мөлт эткен тамчы жашын аарчып алды. Алар мамыры-жумуру болуп Асылкандын укол-дарыларын үйдөн дагы алдырып жатышты. Асылкан Үмүт менен эне-баладай болуп кетти, кадимкидей болуп калганда Асылканга ар жактан колун сурап келгендер болуп ага көңүлү келбей койду. Өмүрбек бул арада Айжамал менен ажырашууга арыз берип сотко келишти, сотто Өмүрбек анын өзү менен жашап жатып ойнош ойногонун, бала өзүнүкү эмес экенин айтканда баланы текшертмек болду адвокаты. Бирок ага Айжамал каршы болуп койду. Акыры эки ай өткөндө экөө сот залынан ажырашып чыкканда Айжамалды Арзымат Алиевич тосуп алып машинасына салып кетти. Өмүрбек аны көрүп сөгүнүп алды да айылга жөнөдү. Келээри менен эле апасына карай:

- Апа, мен Айжамал менен ажыраштым, - деди.

- Ок, эмне дейт ботом, бала эмне болот?

- Ал апасы менен калды, - Өмүрбек ошентип ага ачык айтпай койду, анан Сатыбалдыныкына жөнөтмөк болду. Арадан бир ай өткөндө Өмүрбек Асылканга үйлөнүп чакан той өткөрүп тойго карындашы, Зарылбек менен Анипа болуп баары катышышты. Сайра колуна уулу Зайырбекти алып алган, Анипанын ошол кезде дагы боюнда бар эле. Тойдон чыккан соң Анипа шаарга кетмек болуп даярданып калды, чынында ал Зарылбек менен гана өзүнчө жашагысы келчү, ошондуктан шаарга барып соода менен алек болуп жүргөн, Зарылбек анын ишине жардам бермек болуп көбүнчө шаарда болот, Сайра болсо өзүн "апа" деп томпоңдогон наристелерге ичи эзилип Зарылбекти деле кызганбай калган. Анипа эрте чыгып кетип жатып жолдон аварияга учурап каза болуп калды. Аны жерге берген соң Сайра баягы көргөн түшүн эстеп: "Ошол кара булут ушул тура, байкуштун ажалы жеткен тура, мейли мага Зарылбегимден бала төрөп берип кетти, жаткан жери жайлуу болсун", - деп ойлоп кейип алды. Ошентип алар бактылуу болуп жашап калышты, Даниел менен Зайырбек Сайраны бакытка бөлөп апалап жанында. Нагима менен Бактияр бир балалуу болуп калган, Айылчы келинин кийинки жылы окууга жөнөтүп Бактияр экөөнү шаарга бөлүп ийди, үч айлык наристени Бермет багып калды, кыскасы уул-келини бактылуу, ынтмактуу болушун тилек кылышат, Өмүрбек Асылканга жолукканына бактылуу болуп жашоосун айылдан эле өткөрмөк болуп өзүнчө бизнес баштап алды. Ар кандай кайчылаш тагдырлар акыры келип өз-өз ордун таап бири-бири менен карым-катнашы үзүлбөй жашоодо эриш-аркак өмүрлөр аалам алдындагы тирүүлүктүн үзүрүн көрүп жашоо улана берээри бышык эмеспи... Сайра бакытка бөлөнүп алган жары менен балдарынын маңдайында өзүн чексиз бактылуу сезчү болду, кайната кайненеси аны жакшы көрүшөт. Зарылбек жай турмуш менен алек.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз