Айгүл ШАРШЕН


"Достук"


Буларды көргөн студенттер абдан кызыгаар эле, ал тургай ичи тарып араларын бузгусу келгендер да жок эмес. Сабактан кийин ар дайым китепканага чогуу барып, тамактанса ашканада бирге болчу. Нурлан Шахзатты бир күнү үйүнө чакырда эле бара албады, анткени ага атасы келип экөө туугандарыныкына жөнөп жаткан эле. Шахзаттын ата-энеси орто оокаттуу, Нурландын ата-энеси болсо бардар турушат. Алар экөө китепканадан бир кызды көрүп тийишип калчу, бири-бирин карап акырын кагазды тоголоктоп ыргытып, кыз караганда китепке үңүлүп калышат. Жүрүп-жүрүп ал кыз менен таанышууга жетишишти. Кыздын аты Арууке экен, мединституттун төртүнчү курсунда окуйт, Шахзат менен Нурлан инженер болуп чыгышат, акыркы курста. Нурлан жатаканага келгенден кийин:

- Шахзат, сен кандай дейсиң, Арууке атына жарашкан кыз экен ээ? - деди ага кайрылып.

- Эмне сүйүп калдыңбы? - деди Шахзат күлүп.

- Сулуулугун айтам да, бирдеме десе эле сүйүп калган болобу? - Досуна таарынгандай карады.

- Тамаша, чынында айтаарлык сулуу кыз экен.

- Мен ошону эле айттым.

- Эмне кыздар менен тааныштыңарбы? - деди чогуу жашаган Айбек, - Кетээрде келинчек ала кеткиңер барбы?

- Эмне экен, ала кетсе болот, - деп койду Дастан. Төртөө абдан ынак, бири-бирин колдоп турушат, бирок Шахзат менен Нурлан экөөнүн мамилеси андан дагы жакыныраак эле, ал экөөнү көргөндөр бир тууган деп ойлошоору да бышык болчу. Нурлан чындап эле Аруукени сүйүп калгандай болду, бирок ал өз оюн Шахзатка дагы айта албай кыжаалат болуп китепканага барганда кыз жок болсо көздөрү менен издеп шылкыя түшөт, эки көзү китеп эмес эшиктен өтүп башына эчтеке кирбей баратты. Бей тааныш кыздын караанын көрүүгө зар болуп жүргөндө алар жаңы эле китепканага келип орун алышкан. Адатынча Аруукени көргүсү келип шаабайы сууй отуруп калышкан эле, бир кезде босогодон жанында ээрчиген узун бойлуу жигитти көрүп Нурлан жалдырап карап туруп калганда Шахзат аны таңгала карап турду да:

- Ээ-эй, сага эмне болду? - деди колун көзүнө серептеп.

- Эмне? - Нурлан орой үн катты.

- Сага эмне болду досум?

- Тигини карабайсыңбы? - деп Арууке отурган тарапты колу менен жаңсады, - Көрдүңбү?

- Көрдүм, эмне болуптур?

- Жигитиби же күйөөсүбү?

- Ким болсо ошо болсун.

- Туура, - деп айтканы менен кайрадан эле эки көзү алар тарапка тигилип отура берди. Арууке жанындагы жигити менен ар нерсени сүйлөшүп күлүп, бирде аны акырын нукуп жүзүн баса калып күлүп жатты, анан ошол турушу Нурландын көз алдына сүрөттөй болуп туруп алды. Ал ошол абалда ойлуу канча отурганы белгисиз, бир кезде караса алар эбак кетип калышыптыр. Шахзат китептен керектүүлөрүн жазып бүтүп:

- Кеттик, кардым ачты, - деди Нурланга.

- Кетсе кеттик, - Нурлан кош көңүл дептерлерин жыйып жөнөдү.

Экөө жолдо келе жатканда Шахзат:

- Сен эмне бир кыз үчүн акылыңды жоготуп калдың? - деди.

- Жоготконум жок.


- Көрүнүп эле турбайбы, сулуу кыздардын жигиттери көп болоорун билесиңби досум, сулуунун сулуудай тозогу бар.

- Сүйүп калуу айыппы?

- Мен андай дегеним жок го...

- Күйөөсү бар деп ойлойсуңбу?

- Билбейм, айтуу кыйын.

- Мен күйөөсү бар деп ойлобойм, бирок жигити болушу мүмкүн, - Экөө жатаканага келишти. Чай ичип отурганда Айбек менен Дастан келди, алар дагы ачка келген экен төртөө кардын тойгузуп орду ордуна жатып калышты.

- Деги экөөңөр кайда жүрөсүңөр? - деди Шахзат.

- Жүрөбүз да, өзүңөр дүйнө жүзүндөгү классиктердин, жазуучу менен акындардын тарыхын казып бүтө алчудайсыңарбы? - Айбек какшыктай каткырды.

- Силер дүйнөдөгү кыздардын канчасына сүйүүңөрдү арнап койдуңар? - деди Шахзат.

- Кыздар ырахат тартуулашат, алардын шыңгыр күлкүсү, кылык-жоругу өзүнчө эле бир кино да, - деп Дастан башын көтөрө аларды карады, - Ушу силер кыз сүйүп көрө элексиңер да.

- Силер сүйүп тургула, кезек келгенде көрөбүз.

- Жарайт, сүйүүнүн рахатын кеч сезгенде өкүнөсүңөр.

- Эй, андан көрө ошол кызыңар менен бизди качан тааныштырасыңар ыя? - деди Шахзат, - Кызыңар сулуубу?

- Силер тартып аласыңар, - Айбек бырс күлдү.

- Сүйүүгө ишенбейт экенсиңер анда, эгерде чын сүйгөн болсоңор кызыңарга ишенет элеңер.

- Жо-жо-ок, экөөңөр экөөнү тартып аласыңар да, - Дастан дагы күлдү, - Адегенде силер дагы кыз тапкыла, анан чогуу тааныштырабыз.

- Бизге азыр кыздардын кереги жок, адегенде окууну бүтүп анан жумушка орношуп андан кийин гана үйлөнүү үчүн кыздарды издей баштайбыз, - деди Шахзат олуттуу карап.

- Туура кыласың, чынында генийсиңер, ойноп күлгөндү жактырбайсыңар, ошол акылыңардан бизге кайрылышпайсыңарбы ыя? - деп тамашалай каткырды Айбек, балдар көпкө чейин тамашалашып жатып анан уйкуга киришти, күндө ошол бири-бирин тамашага салып, кээде маселелерин чечишип бир пикирге келмейин бакылдашып отура беришет. Күнгө дем алыш болчу, Дастан эрте туруп жуунуп, чачын тарап, кийиминин улам бирин кийип, бирин чечип, күзгүгө каранып жатты, аны жаңы ойгонгон Нурлан байкап.

- Таң атпай кайда шашып жатасың? - деди уйкулуу көзүн араң ачып.

- Ишим бар.

- Жасанбай эле барбайсыңбы анан?

- Ишиң эмне?

- Деги айтам да, же кызың эртелеп күтүп жатабы?

- Ооба, - Дастан кыска жооп берип чыгып кетти.

- Дастан бир жакка кеттиби? - Айбек ойгонуп суроолуу карады.

- Кетти го?

- Эргулдун кызында "проблема" болгон го?

- Кандай проблема?

- Кайдан билдим?

- Иши кылса тынч бололу, окууну бүткүчө жакшы жүрөлү, - деп койду Нурлан, ал күнү үчөө эч жакка кеткен жок, кийимдерин жууп, өздөрү жуунуп, тамак жасап ичип, сабактарын окуу менен алек болушту. Дастан кечке жоголуп кечинде кабагы карыш түшүп келди, аны акырын карап тим болушту. Көптөн кийин гана Шахзат:

- Сага эмне болду? - деди.

- Эчтеке...

- Кабак-кашың оң эмес го?

- Эмне болмок эле? - деп бурк этип жатып алды.

- Эй Дастан, сенин "проблемаң" биздин "проблема", давай минтип капаланбай "ооруңду" ачык айт да, сени көрүп биз да жаман болуп кеттик.

- Силер эмнеге кыйналмак элеңер? - деди да Дастан жаткан боюнча үндөбөй калды, балдар дагы унчукпай калышты. Ошол бойдон эки-үч күндөп кабагын ачпай жүрдү, баары аны карабай, сурабай дагы коюшту, акыры өзү сабактан кийин кетип бир жакка барып кеч келип жүрүп жүдөгөндөй да болду. Арадан он-он беш күндөй өтүп, окуу жылы аяктап экзаменге аз калган кезде гана сөз баштады:

- Балдар, менден бир чоң каталык кетти...

- Кандай каталык?

- Эмне болду эле?

- Бирдин ичинен чыккансың го, деги киши өлтүргөндөн соосуңбу? - деп үчөө үч жактан чыгып аны тегеректеп калышты.

- Кудай сактасын, бирок андан дагы жаман.

- Айтчы ичти бышырбай.

- Алина боюмда бар, мага үйлөнөсүң же сотко берем деп жатат.

- Эмне-е?

- Койчу?

- Чын элеби?

- Ооба, атамдарга канттип айтаарымды билбей жатам, - Дастан башын жерге салды.

- Ой ошол элеби? - деп Шахзат күлүп келип Дастанды ийинге таптады, - Андан коркпо дос!

- Ошону айтсаң, - деп коштоду Нурлан.

- Жарасы жеңил экен, - деди Айбек камырабай.

- Кантип, эмне деп жооп берем? - Дастан досторун үмүттүү карады.

- Сен аны сүйөсүңбү?

- Ооба, сүйөм деген менен бүтпөйт экен да.

- Ага жакындаганың чын беле? - Нурлан жылмая карады.

- Эмне мазак кыласың? - Дастан дулдуя карады.

- Ошо мазакпы сага, проблемаңды чечели десе...

- Мейли, демек мындай кылабыз.

- Кандай? - Дастан Шахзатты карады, анан төртөө ары кетип, бери кетип жатып Дастандын үйүнө окуу аяктаары менен чогуу ата-энесине кызды ала качып бармак болушту, адегенде кат жазып жөнөтүп анан барганга Дастан кубанып кетти:

- Азаматсыңар досторум, туура акыл болду, атам бир азга ачууланат, бирок апам кубанат.

- Мына, баары ордуна келди, эми сабак окуганга киришиш керек, - деди Айбек, - Ато башкаңар тынч жүргүлө, болбосо бири-бирибизди коштоп барып жүрбөйлү.

- Сен этият бол, Шахзат экөөбүз кыздардын колунан кармай элекпиз, - Нурлан култуңдай карады, - Аяшты жууйт экенбиз да достор?

- Буйруса, - деди Шахзат, - Ушинтип баарыбыз өз-өзүбүзчө кетет экенбиз, кайра беш же он жылдан кийин жолугушубуз керек, кандай дейсиңер?

- Сөзсүз да, даректерди дааналап жазып алабыз.

- Ким биринчи издейт көрөбүз.

- Учурунда билинет да, - дешип бакылдап жатты, Нурлан өз оюнда Арууке менен үйлөнүп, достору менен жолугушкан күнүн элестетип алды: "Чын эле мен аны сүйүп калдым, жолугуп сүйөөрүмдү мен ага ачык айтышым керек, сөзсүз айтышым керек", - деген чечимге келди. Ошентип окуу жайды бүтөөрүнө аз калганда китепканага жалгыз келди Нурлан, Шахзат ал күнү жок болчу, китепти ачканы менен көзүнө тамга ордуна Аруукенин элеси көрүнүп эшиктен көзүн албай отурганда Арууке кериле аппак көйнөгү делбирей кирип келип отуруп калды, Нурлан аны көрүп кыз караганда учурашкандай колун көтөрүп койду эле ал жылмая башын ийкеп койду. Ичинен кым дей түшкөн Нурлан: "Мен сени сүйөм Арууке, сүйүүмдү сага жеткире албай азап чегип жүргөнүмдү сезсең кана", - деп алды. Көп отурган жок, арадан жарым саат өтүп-өтпөй эле Арууке саатын карап коюп китептерин жыйып жөнөдү, ушуну эле күтүп тургандай шашылган Нурлан дагы анын соңунан чыгып жете келип:

- Салам Арууке, - деди.

- Салам.

- Окуулар кандай?

- Жакшы, өзүңөрдүкү кандай?

- Баары жайында.

- Бүтүп жатасыңарбы?

- Буйруса, Арууке бир аз баспайлыбы?

- Убактым жок, мени күтүп жатат.

- Ким?

- Менин, - деп келе жатканда арт жактан:

- Арууке! - деген үн чыгып калды.

- Оо-ой, сен кайдан? - деп жете келген кыз менен кучакташып калды Арууке, - Качан келдиң?

- Жаңы эле келдим.

- Атамдар жакшы жүрүшөбү? - Эки кыз өздөрүнчө сүйлөшүп туруп калды, Нурлан арыраак басып күтүп калды, ошол убакта Арууке артына бурулуп:

- Нурлан, сен бара бер, - деди да ары көздөй кетишти. Башын ийкегенге жараган Нурлан жинденип жаман абалда калды: "Эми мүмкүнчүлүк келип калганда кайдан дагы келе калды, жакшылап сүйлөшмөкмүн", - деп шылкыя жатакананы көздөй жөнөдү, келсе Шахзат уктап калыптыр, ордуна келип жатып калды. Аңгыча баары чогулуп кечки тамагын ичип отурганда Шахзат Дастанга карап тамаша узатты.

- Келин бала кандай?

- Жакшы, тынчып калды.

- Көңүлүн жайланттыңбы?

- Ооба, диплом алган соң кетем дедим.

- Туура кылгансың.

- Айбек, сенин кызың кандай?

- Ойдогудай.

- Куда түшүп барбайлыбы?

- Койсоңорчу, биз али кыз-жигиттен өтө элекпиз.

- Азамат десе, - деп күлдү Шахзат, Нурлан сөзгө кошулбады, аны бир карап алган Шахзат, - Сенин дагы көйгөйүң артылган го? - деди.

- Болдучу, - деп күңк этти Нурлан.

- Бирөөбүз баарыбыз үчүн дегенибиз кана, үңкүйбөй дартыңды ачык айт!

- Менде эч кандай дарт жок.

- Ошондой эле болсун, - деп койду Айбек, андан кийин өз-өз ордуларына жатып калышты. Акыркы күткөн убакыт дагы келип дипломдорун колго алышкан соң Дастан ата-энесине кат жөнөттү, андан соң үч-төрт күн шаарда калышты, анткени ар кимисин ар жакка бөлүп жаткан, Нурлан айылга кетмек болду. Ошол күнү ал Аруукени китепканадан дагы күттү, өз жүрөгүндөгү таза сезимин ага айтып түшүндүрмөк, бирок ал күнү да, эртеси да келбеди, шаабайы сууп үчүнчү күнү келсе ал отурат: "Окуу аяктады, бирок бул жерде экен, мени сезимим алдаган эмес экен, Арууке меники гана болот", - деп жанына барып отуруп калды.

- Кандай Арууке?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жакшы, Арууке айылга кетип жатам.

- Жолуң болсун, - Кыз жылмайып койду.

- Арууке, мен сага бир сөз айтайын дедим эле.

- Кулак сенде.

- Арууке, мен сени...

- Айта бер.

- Мен, мен сени...

- Эмне болду, бир нерсе болдубу? - Кашын серпе көздөрүн бардап койгондо Нурлан сөзүн жутуп койду, - Айта бер Нурлан.

- Арууке, мен айылда калып иштейм, сенин...

- Жакшы болот, менин буга кандай катышым бар? - Арууке атайын эле ары жагын айттырбай жатты.

- Жолуга албай калам, дарегиңди билбейм, сени менен ачык эле сүйлөшөйүн дедим эле, дагы жер карап калды.

- Эмнени сүйлөшмөк элең? - Көздөрүн көзүн кадап жаагын таянып отуруп алды.

- Мен сени сүйүп калдым Арууке.

- Сүйүп?! - Көздөрүн алайткан Арууке аны таптакыр көрө электей таңгала карап калды, - Сүйүп дейсиңби?

- Ооба, ишен мага, чын жүрөгүмдөн сүйүп калдым, мурун бир да кызды сүйүп же сүйөм деп айткан эмесмин, алгачкы сүйүүмсүң сен!

- Аа-а, убакыт болуп калыптыр, мен кетишим керек, - Арууке туруп жөнөдү.

- Арууке, сенин жообуңду күтөм.

- Күтпө!

- Эмнеге, мен сага жакпаймбы? - Нурлан артынан ээрчип алды, - Сага жолуккандан бери көз алдымда жалгыз сенсиң, кайда барсам да сени гана көрөм.

- Сүйлөй бер, - деп коюп кете берди Арууке, Нурлан ызалана анын алдын торой арты менен басып баратты, - Сен мени тоготпой жатасыңбы Арууке, мен сенин айтканыңды аткарам, үйүңө барып кулуң болууга даярмын!

- Ох-хоо чынбы! - Арууке каштарын көтөрө токтоп калды, Нурлан аны карап сүйлөп жаткан, Арууке улам көзү менен артын ымдап бир нерсе айтмак болгону менен байкабай эле сүйлөй берди, көрсө ары жактан анын жигити келе жаткан экен, ал жете келгенде Нурлан селдээ туруп калды, - Бул менин күйөм, таанышып кой, а бул Нурлан, - деп Арууке жылмайганда Нурлан эмне дээрин билбей калды.

- Кеттикпи? - деди күйөөсү Аруукеге.

- Кеттик Азим, кечигип калдым, - Арууке Азимди колтуктан ала Нурланга кайрылды, - Жакшы эмесе, ишиңе ийгилик.

- Рахмат, - деген Нурлан башын жерге сала артына бурулуп өзүнчө жинденип, - Иттики десе, күйөөсү бар тура, - деп алды да жатаканага келип балдарга жолукпай эле кийимдерин алып чыгып кетмек болуп баратканда Шахзат келип калды:

- Ой сен кайда?

- Кетип жаткам...

- Эмнеге, коштошпой элеби, Дастанды үйлөнтөбүз дебедик беле?

- Ошондой болуп калды...

- Макул, бара бер! - деди Шахзат таарынган түрдө.

- Көрүшкөнчө, - деп чыгып кетмек болгондо Шахзат:

- Ушундай экен да, мен сени өзгөчө досум деп жүргөм, сен дурустап коштошкуң келбептир, урушкандай гана кете бергиң келген тура, - деди ага карабай туруп.

- Шаха, сен мени туура түшүнчү, менин абалымды сага азыр айтып түшүндүрө албайм.

- Эмнеге, неге түшүндүрө албайсың, беш жыл бою бирге окуп жакшы достордон болдук, кетсек дагы бири-бирибизге анык дарегибизди таштап анан коштошобуз дебедик беле?

- Аның туура, бирок дарегимди жазып таштап койгом, - деп Нурлан күнөөлүүдөй шылкыйды, - Аруукечи... Аруукенин күйөөсү бар экен, - деп Шахзаттын жанына отура кетти.

- Эмне, Арууке дейсиңби?

- Ооба, мен ага жолугуп сүйөөрүмдү айтмак болгомун.

- Анан, анан эмне болду?

- Сүйлөшүп турсак күйөөсү келип калды.

- Өзү айттыбы күйөөм деп?

- Ооба, тааныштырып коет мазактагансып.

- Ошого настроениең түштүбү?

- Түшпөй турган ишпи анан?

- Койсоңчу дос, - деп койду Шахзат.

- Сен дагы мени мазактап турасыңбы?

- Эмнеге мазактамак элем. Аруукеден башка кыз калбай калса дагы, андан көрө жүрү кеттик, коштошоордо бир жакшылар тамактанып отуралы, Дастан менен Айбек келип калса чогуу баралы.

- Жарайт, - деп Нурлан көңүлсүз карады.

- Эртең буйруса өз-өз айылыбызга кетебиз, - Экөө сүйлөшүп отурганда Дастан келди, андан бир топтон соң Айбек келээри менен ашканага барып тамакка заказ берип ар кимиси ар кайсыны айтып күлүп жатышканда коңшу үстөлдө отурган үч-төрт кызды Дастан көзүн албай карап калды эле:

- Кыз жандуулугуң жанда жок, эми дагы буларга көзүң түшүп калдыбы? - деп тамашалады Шахзат күлүп.

- Караса болбойбу?

- Карамак турсун барып тааныш, - Кошумчалады Айбек.

- Мазактабагылачы, - Дастан тиртеңдей түштү, - Барса барам эле, - деди да туруп барып кыздарга кайрылды, - Кыздар, жаныңарга отурсам болобу?

- Отуруңуз, досторуңуз кууп ийдиби? - деди бири шакылдай.

- Жок, сиздерди көрүп отура албадым, кыздар жигити жок отурса кызыгат экен да, эмесе таанышып алалы, менин атым Дастан.

- Менин атым Айнура.

- А меники Кымбат.

- Айсалкын, - деди бири жылмая. Алар сүйлөшүп отурганда Алина эки-үч кыз менен ашканага кирип келип четтеги орундукка отуруп калды, тамак заказ кылгандан кийин Алина Дастандын үч кыз менен отурганын көрүп калды. Ызаланып бир азга отурду да басып келди.

- Алина! - деп Дастан тура калды.

- Бул эмне кылганың, сага ишенип жүрсө кылганың бул, - деди да Алина сыртты көздөй ылдамдай басып жөнөгөндө Дастан анын артынан жүгүрдү

- Алина, Алина токто!

- Өлдү, ишти чаташтырып алмак болду, - деди Айбек аларды көрүп.

- Эмне кылуу керек? - Нурлан берки экөөнө суроолуу карады.

- Барып табыштыруубуз керек, эртең алып кеткенге даяр болушун эскертип тынчтандыруубуз керек, - деди Шахзат, үчөө тең орундарынан туруп сыртты көздөй жөнөдү, Дастан менен Алина жолдо урушуп жаткан экен.

- Эртең сени сотко беремин, мени алдап коюп көрүнгөн кыз менен жүрөсүң, - деп Алина ыйлап алыптыр.

- Алдаганым жок, ал менин, ал менин айылдаш кызым, жолугуп калып эле...

- Калп, сенин калпыңа мындан ары чыдай албайм!

- Алина, ишенчи мага, эртең сени айылга алып кетем, атамдарга кат жазып жибергем, алар күтүп жатат.

- Калп, сен мени алдап туруп кетип каласың.

- Жок-жок, мага ишенчи Алина, - деп кыз алдында бүжүрөй сүйлөп турганда достору чыга калды.

- Алина, Дастанга ишен, эртең сени чогуу алып кетебиз, - деди Шахзат, - Дастан сени алдаган жок.

- Ооба аяш, андан көрө даярдык көргүлө.

- Биз машинаны сүйлөшөбүз, - деп Алинаны тынчтандырышты, ал үндөбөй көз жашын аарчып туруп калды, - Дастан, азыр сен Алинаны жеткирип коюп кел, болбосо биз менен отуруп тамактангыла, - деди Айбек.

- Жүрү Алина, мен сага айткан досторум булар, - деп Дастан аларды тааныштырды, - Чогуу отуралы жүрү.

- Мен кетип эле калайынчы.

- Жок-жок, эмнеге кетмек элеңиз, демек биз эми таанышпыз, эртеңден баштап жакын адамдарга айланабыз, туурабы Алина? - деп күлдү Айбек, - Жүргүлө, биздин буйрутмабыз келип калды го? - дегенде чогуу ичкери кирип орун алышты. Бакылдашып, тамашалаша отуруп анан Дастан Алинаны жеткирип кетти. Үчөө жатаканага келишип чөнтөктөрүндөгү акчаларын чогултуп Дастан келгенче сүйлөшүп отурушту. Дастан келип досторунун ынтымакташып чогулткан акчасын көрүп ыраазы болду, эртеси эки унааны жалдап алып айылды көздөй Алинаны алып жөнөштү, Турарбек уулунун келинчек алып келээр күнүн угуп, туугандарын чогултуп даярдык көрүп күтүп жатышкан. Ызылдата кууша келип токтоп калган машинаны көрүп дүрбөп чыга калышты.

- Келинди түшүргүлө, келип калды!

- Келин келди!

- Кана келгиле, келиндин алдына чачыла алып келгиле! - дешип Алинаны алып түшүштү.

- Ай Салима, жоолугуңду алып чык!

- Мына алып баратам, - деди Салима шашкалактап жоолугун алып чыкты, ызылдаша келинди алып кирип көшөгөгө отургузгандан кийин ырым-жырымын жасап улак чабышты, Алина кубанычтан жүзү албырып бактылуу болуп отурду. Ата-энесине алысына карабай бир машина менен киши жиберди. Ошентип достор эки күн туруп анан өз-өз жолдоруна түшүштү. Арадан дагы бир жыл өткөндө Айбек үйлөндү, бирок досторун чакырбады, иши менен алек болуп бири-бирин унутуп калгандай болду. Нурланды ата-энеси үйлөн дегени менен көңүлү келбей өз адистиги боюнча фирма ачып иши жүрүп жатты. Алмаш жакын таежесинин кызы, Нарынбай менен Кундуз Алмашты алып берели дегенине ичинен ынанып жүрүп акыры аны сүйүп калды. Алмаш кээ-кээде анын үйүнө келип калат, кыздын көңүлү бар экенин сезип эле жүргөн. Бир күнү кеч келип караңгыда кетмек болгондо Кундуз атайын шылтоо табылганына кубанып:

- Нукен, Алмашты жеткирип кел, коркуп калат, - деди.

- Макул апа, - деди да ээрчий басты, - Алмаш, качан күйөөгө тийесиң, картайып кетпе, - деди тамашалап, үйдөн узагандан кийин.

- Сен аял алгандан кийин тийем.

- Эмнеге?

- Анткени жеңемдин жанына отургум келет.

- Ох-хо, а мен жакында үйлөнбөсөмчү, картаң кыз болуп жүрө бересиңби?

- Жүрө берем, - Кыз күлүп койду.

- Жигитиң барбы?

- Мен эч кимге ишенбейм.

- Эмнеге, жүрөгүңө дагыбы?

- Жүрөктүн иши башка, адамдарга ишенүү кыйын.

- Кызык экен.

- Чыныңды айтсаң Алмаш, жигитиң барбы?

- Бар болсо не демекчисиң? - Көзүн аста жиберип сынай карады.

- Эчтеке, жөн эле билгим келет да, бөлөмдүн кандай жигитти тандаганын билгим келген.

- Ошондойбу?

- Ошондой, - Нурлан күлүп койду, - Билсем болбойбу?

- Болот дечи, бирок менде андай адам азырынча жок.

- Өкүнүчтүү, өзүм тандап берет окшойм анда.

- Жарайт, сен жактырганды жок дебейин, үйгө кир, - деди жеткен кезде Алмаш токтой калып.

- Жок, кете берейин.

- Апам келгениңди билсе капа болот да.

- Аа-а, чын эле, кирбей кетсем таарынат, - деди да Нурлан ичке кирип таежеси Карачач менен учурашты, - Таеже, кандай жүрөсүз, ден-соолугуңуз жакшыбы?

- Жакшы айланайын, өзүңдүн иштериң жүрүп жатабы, апаңдар жакшы жүрөбү? - деп Карачач Нурландын колунан өөп жанын көрсөттү, - Отур садага, чай-пай ич.

- Жок таеже, чай ичтим, кетишим керек.

- Көчүк бас жок дегенде, нан ооз тий.

- Ма-акул таеже, - Нурлан күлүп отуруп калды.

- Колоктоп жүрө бербей үйлөнбөйсүңбү садага, отузга кирдиң, эмдигиче бойдок жүрөсүң.

- Кыздар жактырбай жатпайбы таеже.

- Койчу садага, өзүң жактырбай жүрөсүң го? - Карачач аны жылмая карады, - Эмнеси болсо дагы ата-энеңе ырмайыштуу келин-кыздан тап, - деди ойлуу, Нурлан башын ийкеп күлүп коюп нан ооз тийди да ордунан турду:

- Жакшы туруңуз таеже.

- Бара гой садага, бара гой, - Карачач узата карап кала берди. Нурлан үйүнө ойлуу келди: "Мен Алмашты сүйөмбү же ал мени сүйөбү, балким бул сүйүү болбосочу, жөн эле бири-бирибизди кыйнап албайбызбы", - деген ойдо болду. Убакыт өткөн сайын иши жүрүп үйүн эки кабат кылып салды, мурунку үйдү мал сарай кылып койду. Алмашты Кундуз ар убак жардам бер деп чакырып алат да Нурлан экөөнө жалгыз калгыдай мүмкүнчүлүктү түзүп өзү бир жакка кетип калат. Ошентип Нурлан Алмашты жактырганын сыртка чыгарбай жүрүп дагы эки жыл өтүп кетти.

- Алмаш, - деди бир күнү дагы.

- Эмне болду?

- Сен күйөөгө тийбесең мен аял албай жүрө беремби?

- Мен тийгенде эле үйлөнөсүңбү?

- Ооба, сени күтүп жүрбөйүнбү.

- Кызык экен, а мен таптакыр күйөөгө тийбесемчи?

- Анда мен дагы аял албайм.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Таңгалычтуу...

- Алмаш.

- Ийи.

- Мага эле тийип албайсыңбы?

- Эмнеге, сүйүүсүз элеби?

- Сүйүү бар деп ойлойсуңбу?

- Билбейм, бирок бир сезим болуш керек го.

- Мага тийгиң келбейби? - Нурлан кызды сынай карады, - Же менден жакшы күйөө чыкпайбы?

- Кайдан билем, сынап көрбөпмүн.

- Эмдиги келишиңде жигит таап кел, болбосо мага тийесиң, - деп күлүп коюп Нурлан ары басып кетти.

- Жинди, - деп Алмаш күлүп кала берди. Ошондон баштап экөөнүн мамилеси абдан жакындап калды, Алмаш кандай иш кылып жатса дагы жанына жетип барат, экөө шыбыраша күлүп, кээде ойноп калышат, ал тургай кубалашып кетишет, аны көргөн Кундуз Карачачка барды бир күнү:

- Ай эже, Алмашты өзүм эле келин кылып алат окшойм.

- Ийи кокуй? - Карачач чоочуй карады.

- Нурлан экөөнүн бири-биринде көңүлү бардай.

- Ырас элеби?

- Ооба, кубанып калдым, күздө буйруса жол-жосуну менен келип алып кетебиз, - деди эжесине кубанычын жашырбай.

- Эже-сиңди болсок жаман-жакшы айтышып бет карашпай калбайлы, балдарды тим койбойлубу? - Карачач ойлуу Кундузду карады, - Экөө жашап кете алабы, ыркы келбей эки жакка кетсе сен экөөбүзгө эле кыйын болот.

- Аның туура дечи эже, бирок балдар бири-бирин жактырат өңдөнөт, эми аларды токтотуу кыйын эже.

- Тагдырдын насибинен көрүшөөр, - деп унчукпай калды Карачач. Кундуз кудуңдай үйүнө келсе Нурлан үйүндө жок экен, ошондон баштап Алмаш келбей калды, Нурлан ага өзү жолуга турган болгон. Алардын сүйүүсү күчөп быйыл үйлөнмөк болуп турганда бир окуя болуп кетти. Шахзат издеп келиптир, капкара лексусдан кычырай түшүп келе жатканда досун көргөн Нурлан тааныбады. Үстүңкү кабаттын балконунда отурган. Ылдый түшүп дарбазага жетип эшикти ача бергенде эле:

- Нурлан, досум кандайсың? - деп Шахзат кучак жая бакылдаганда таанып:

- Оо кел-кел досум! - деп кучакташып калышты.

- Ал-акыбал кандай досум, эч кимиңерден кабар жок, өзүм издеп келдим.

- Жакшы болот, келгениңе кубанычтамын, мында эмнеге туруп калдык, кир үйгө, - деп Нурлан аны карыдан ала ичкериге алып кирди, - Кандай, үйдөгүлөр жакшы жатышабы?

- Баары жайында, силерди чынын айтсам сагындым дос.

- Мен дагы, бирок убакыт жок.

- Үйлөндүңбү?

- Жок, өзүң үйлөндүңбү?

- Кайдан, дагы эле бойдокмун.

- Мен дагы, - Алар үстүнө чыгып орун алышты, Алмашты ошол күнү Кундуз үйүн жайышканга чакырып алган, алар ашканада түшкү тамакты жасап жүргөн. Аздан соң алар отурган бөлмөгө Алмаш кирди:

- Тамак даяр! - деп күлө карап Нурланга карай берип чоочун жигитти көрүп унчукпай туруп калды.

- Алмаш, бул менин досум, бирге окуганбыз, - Нурлан Алмашты карай жылмайып коюп кайра Шахзатка карады, - Аты Шахзат, ал эми бул сулуу кыз менин бөлөм, аты Алмаш.

- Кубанычтуумун, сенин бөлөң менен таанышканыма.

- Мен дагы, - Алмаш акырын Нурланга кайрылды, - Тамакка түшүңүздөр.

- Жарайт, азыр түшөбүз, - деп Нурлан айтканда Алмаш чыгып кетти.

- Сулуу бөлөң бар экен, - деп Шахзат тамшанып койду.

- Да-а, сулуу экенинде сөз жок.

- Күйөөгө чыкканбы?

- Жо-ок, жигит жакпай жүрсө керек.

- Мага жагып калды, - деди Шахзат дароо эле.

- Кеп жок досум, ушунча жылдан бери бир кызга назар салбай жүрүп менин бөлөмдү жактырсаң жарасы жеңил, - деген Нурлан жүзү кызара өзүн араң зорго кармап жаман абалда калганын билдиргиси келбей күлгөн болду.

- Туура-туура, ушул убакка чейин бир дагы кыз менен сүйлөшүп көрбөпмүн, негедир көргөндөрүмдөн бирөө да көңүлүмө жаккан эмес, - деп Шахзат Нурланга жылмая карап чын сырын айтып жатты, ушул кезде Нурландын жан дүйнөсүндө көрүнбөгөн күйдө бороон-чапкын жүрүп жатканын ал сезбеди: "Дос деген достун кадырына жете албаса эмнеси дос, мен досум үчүн өз сүйүүмдөн баш тартуум абзел", - деп ойлонуп отурду. Экөө көпкө отурду, кеч кирип жаткан соң дагы Шахзат Алмаш жөнүндө сурай берди, бирде "ийи", бирде: "ооба ошондой", - деп коюп Нурландын ою онго бөлүнүп жатып экөө тең уйкуга киришти. Эртеси Нурлан аны ээрчитип өзүнүн иштери менен тааныштырып чыкты, баккан малдары, өзүнө тиешелүү жерлери тууралуу айтып, курулуш материалдарын көрсөттү.

- Ушул досум, бир топ иш жасадым, эми өзүң айткандай үй-бүлөө куруп тынч гана жашоо керек, - деди Нурлан кайра кайтканда.

- Ишиңе ийгилик досум, жакшы баштапсың, буйруса баары ордунда экен, быйыл үйлөнөм, сен тойдо сөзсүз болууң керек.

- Албетте болом, Айбек менен Дастандан кабар жокпу?

- Аларды тойго чакырам, ошондо келишет болуш керек?

- Туура, чакырганда келбей койбойт.

- Нуке, Алмаш менен жолуктуруп көрбөйсүңбү?

- Мм, макул досум, ал колдон келет, - деди Нурлан ойлуу, алар чай ичип отурушканда Алмаш келип калды, Нурлан ал кирээри менен бир нерсени шылтоолоп чыгып кеткенде:

- Алмаш, канча бир туугансыңар? - деди Шахзат.

- Үч бир тууганбыз, эки агам бар.

- Эрке кыз экенсиң да?

- Ошондой десе да болот.

- Жигитиң барбы?

- Болсо болгондур...

- Муну кандай түшүнсө болот.

- Бар десем эмне демекчисиз?

- Эч нерсе, таңгалбайм, анткени сулуу кыздарды карабаган эркектин көөдөнү сокур болуу керек.

- Өзүңүз үйлөнгөнсүзбү?

- Жок, кыз таппай жүрөм.

- Ааламда кыз аттуу толтура го?

- Көңүлгө жакпаса көптүгүнүн кимге кереги?

- Сиз илгерки ай десе аркы жок Айчүрөктү издеп жүргөн болбоңуз? - Алмаш сынай жылмайып койду.

- Айчүрөк айтылып калганы менен сиздей эле болсо керек? - Шахзат дагы ага жооп кыла жылмайды, - Сени жолуктурганыма өзүмдү бактылуу сезип турам.

- Коюңузчу, менден өткөн сулуу кыздар толтура.

- Мага сен гана башкача көрүнүп турасың.

- Менин жүрөгүм бош эмес, мен дагы жүрөгүмө жаккан адамымды жолуктурдум деп жүргөн кезим.

- Ошондойбу?

- Чынымды айттым.

- Андай болсо кечиресиз, - Шахзат капалуудай унчукпай отуруп калды, Алмаш ага чай куюп сунду:

- Чайдан алып отуруңуз.

- Рахмат, - Нурлан кирип досунун кабагын байкап ортодо бир келишпестик болгонун сезди да отуруп:

- Кана досум, тамак бышканча чайдан алып отур, - деди.

- Тамакка убара болбо досум, мен кетүүм керек, - деп Шахзат чайдан ууртап чыныны дасторконго койду.

- Жок болбойт, бүгүн кетпейсиң.

- Кетүүм керек.

- Атамдар атайын тамак асып коюптур.

- Убара болгон экен, келгенден бери сыйыңды көрдүм, эми жолго чыгайын, - деп кал дегенге болбой кетип калды. Нурлан аны узатып киргенден кийин Алмашты таппай апасынан сурады.

- Апа, Алмаш кеттиби?

- Ооба балам, үйүнө кетти.

- Эмнеге анча шашты? - деп коюп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Капырай, үйүнө барат да, үйлөнүп алсаңар анда кетмек беле? - деген Кундуз таңгала туруп калды. Нурлан өзүнчө досунун капа болуп кеткенине кыжаалат болуп жатты. Көп өтпөй эле ал шаарга жөнөдү, Шахзаттын эмнеге капа болгонун билүү керек эле оюнда. Нурланды Шахзат абдан жакшы кабыл алды, баягы кабагындагы кирден эч нерсе жок. Ошол убакта Шахзаттын ата-энеси үйүндө жок болчу, туугандары той берип кызы Толгонайды ээрчитип кетишкен, Шахзат өзү шаарда турат. Экөө ресторанда отурушту, Нурлан жүрөгүн өйүгөн суроосун узатты:

- Шахзат, өткөндө сен капаланып кеттиң, ошондон бери жаным жай алаар эмес, акыры көөнүм чыдабай келдим.

- Ээ-эх досум, менин сага эч кандай капачылыгым жок, - Шахзат каткырып чалкалай отурду, - Билесиңби, кыздар өтө текеберлигинен өздөрүнүн бактысынан куруу калышат, ошону менен бирге чын жүрөгүңдөн жактырганыңды сезбей жүрөгүңдү оорутушат.

- Алмаш капаланттыбы?

- Эми ал деле кыз назы кылгандыр, бирок мен түшүнүп туруп капаландым, илебим сууй түштү.

- Анчалыкка барууга мүмкүн эмес эле...

- Кыз кылыгын билбегениңден айтып отурасыңбы досум? - Шахзат ага эңкейип тигиле карады.

- Койсоңчу, Алмашты мен бала кезден билем, эмне деди?

- Жигитиң барбы десем, жүрөгүм бош эмес дейт.

- Ошол элеби?

- Дагы кандай болуш керек эле, чын дилиң менен айткан сөзүңдү оюнчук көрүп мазактагандай карап турганы адамгерчиликпи? - деген Шахзат алдындагы арактан алып ийди, - Кел андан көрө мындан алып көңүл көтөрөлү, азыр саунага буйрутма бердим, кечинде барабыз.

- Саунага эмнеге барабыз?

- Кыздар бар, - Шахзат күлө карады.

- Кереги жок досум, андай көңүл ачууну каалабайм.

- Ма-акул анда, деп койду Шахзат алакандарын жая, - Эмесе үйгө баралы, ата-энем менен тааныштырайын, алар келген чыгаар, - деп ордунан турду, алар эми туруп баратканда ары жакта отурган эки кыздын жанына эки жигит келип тийишип калды.

- Кыздар чогуу көңүл ачпайлыбы?

- Сулуу кыздар экенсиңер, бир түндө бакыт тартуулап койгулачы.

- Кереги жок, ким деп ойлоп турасыңар? - деп бири тура калды.

- Ох-хо, ким экениңер көрүнүп турат, - Бири кыздын ээгинен ала өйдө кылмак болгондо ал кыз колго чаап жиберди, - Жогол!

- Ээ-эй, бышыктыгын кара, канчалык кылыктуу экениңди көрө жатаарбыз, - деп бирөө кыздын ийинине колун кое жанына отура калганда кыздар туруп кетмек болгондо экөө эки кызды тургузбай кармап калды.

- Кое бер колумду!

- Кое бер акмак, милиция чакырам! - деп эки кыз чаңырганда отургандардын баары карап калышты. Шахзат аларга Нурлан каршы болгонуна карабай жетип барды.

- Жигиттер, бул жер көчө эмес, кыздарды кое бергиле.

- Сен кимсиң, кое берүүнү сенден сураган жокпуз, - деди бири ага тирелише калып.

- Жигитчилигиң ушулбу, алсыз кыздардын тынчын алып.

- Ишиң болбосун, жолтоо болбо!

- Байке, милиция чакырып коюңузчу, - деди кыздардын бири, ошол кезде ресторандын күзөтчүлөрү келип аларды үндөбөй орун которуп отуруусун өтүнүп кыздарды чыгарып ийди.

- Эмнеге мындай тартип бузгандарды "сыйлап", отургузуп коесуңар? - деп Шахзат күзөтчүлөргө кайрылды.

- Биз аларга тийише албайбыз, бири депутаттын баласы, бири министрдин баласы, шарт ушундай, - деп ийин куушурду.

- Министр менен депутаттын балдары мындай коомдук жайларда каалагандай адамдарды мазактап, кыздарды көз көрүнө кордук көрсөтүп жатса дагы көздү жумуп коесуңарбы? - Шахзат ачуулуу ары басып жөнөдү, Нурлан аны тартып кеткен. Алар машинага жеткенде жанагы "геройлор" жетип экөөнү алка жакадан алды:

- Силер кимсиңер териштиргендей, кудайдын баласындай бизден баары коркушат, - деди бири.

- Колуңду тарт! - деп Нурлан ийинин силкип, чыканагы менен ичке урганда тиги "ий", - деп ичин басып туруп калды, ошол кезде беркиси койнундагы бычагын ала коюп Шахзатты сайып ийерде Нурлан колун кармап калды.

- Сейит, карма мына муну! - деп кыйкырганда Шахзат анын колундагы бычакты жулуп алды, Нурлан ортого түшүп анын колундагы бычакты алып ары карай ыргытмак болуп шилтегенде Сейит дегени келе жатып бычакка урунуп алды. Ошол убакта эки-үч милиция келип аларды кармап калышты да төртөөнү тең бөлүмгө алып келишти, бир аздан соң телефон менен сүйлөшүп Сейитти ооруканага алып кетишти да беркисин кетирип жиберди. Шахзаттын тааныш жолдош баласы лейтенант Марат Кабылов аны менен сүйлөшүп отурганда ал:

- Буш ишке негизинен тигилер өзү күнөөлүү, биз кетип жатканда кол салды, бычакты Сейит алып жүрүптүр, - деди.

- Шахзат, сен түшүнөсүң да, алар күнөөлүү болгон күндө дагы аларды кармай албайбыз, биздин кызматыбызды өзүң түшүн, эми алар күнөөнү алардан эмес силерден издешет.

- Мына кызык, силер законго баш ийесиңерби же кызматкабы, ушундан көрө жер шыпыргыч болсоң өзүңө-өзүң ээ болуп эркин жашайсың, эркин сүйлөйсүң, - деди Шахзат кыжына, - Мен бычакты андан тартып алдым, өзүмдү коргодум.

- Жок, мен алгамын бычакты, ыргытмак болгондо ал байкабай келип урунуп алды, - деди Нурлан.

- Нурлан, сен эмес мен күнөөлүүмүн, мени камагыла.

- Жок, мен күнөөлүүмүн, - деп экөө бири-бирин актап жатканда бөлүмдүн начальниги ал экөөнө карап:

- Экөөңдүн ичиңден кимиңди камаш керек? - деди сынай карап, - Бири-бириңди минтип отурганча убакыт күтпөйт, кана кандай болду, башынан айткыла.

- Мен баарын айтып берем, - деди Нурлан.

- Мунун тиешеси жок, менден сураңыз, - Шахзат Нурландын колун басты.

- Шахзат, сен антип мени актаба, - Нурлан ага ачуулуу карады, - Мен гана күнөөлүүмүн, - Нурлан айта баштаганда:

- Адегенде аты-жөнүңдү, - деди начальник.

- Нуралиев Нурлан Нарынбаевич, - деди да башынан айтып берип жатты, Шахзат жиндене аркы-терки басып кирди, аны Марат колтуктап ары алып кетти. Ошентип Нурлан кокустуктан үч жылга камалып кетти, Сейит менен Марс аталарынын кадыры менен айыпсыз бойдон калды, бирок ал Нурлан камалып кеткенден кийин барган да жок, Нурлан ага таарынбады: "Балким колу бошобой жаткандыр, ал мени унутпайт", - деп өзүн-өзү алаксытып жүрүп үч жыл кандай өткөнүн сезбей дагы калды. Шахзат Сейит менен Марсты бир күнү балдарына карматып келип алды да:

- Кана баатырлар, эми мени менен эсептешчү убакыт жетти, - деди маңдайына отуруп алып.

- Сиз кимсиз, мен тааныбайт экенмин, - деди Сейит.

- Атаңардын кадырын колко кылып, кудайдын эрке баласындай тайраңдап кыздарды оюнчуктай ойногондо кандай элеңер, андан бери чеңгелиңерге дагы канча кызды уучтап, каалаганыңардай калчап, дагы канча бей күнөө адамды түрмөгө каматып коюп жүргөнүңөрдү ким билет?

- Байке, байке кечирип коюңуз, - деп ийди Марс.

- Эмне мен сот бекенмин, силерге кимдин алы жетет, мындай чыксаңар эле адатыңарды карматасыңар да, - Шахзат экөөнү желкесинен кабыштыра кармаганда бакырып жиберди, - Силер бул дүйнөдө тайраңдап эсирип жүргөнүңөр менен тигил дүйнөдө оор жаза тартаарыңарды билесиңерби?

- Экинчи андайга барбайбыз.

- Эч качан жаман ишке барбайбыз.

- Менин досум силер үчүн күнөөсүз күнөөлүү болуп түрмөдө отурат, анын текке кеткен өмүрүн төлөп бере аласыңарбы?

- Төлөп беребиз, - деди экөө жарыша.

- Кантип? - Шахзат аларды мазактай жылмая карады, - Кантип өтөй аласыңар?

- Канча десеңиз дагы...

- Текке кеткен өмүрдү акча менен кайрыса ордуна келеби ыя? - Кыжына тээп жиберди.

- Жан соога байке, жаңылыштык, бизди кечире көрүңүз, - Экөө чөгөөлөй Шахзаттын бутуна жармашты.

- Кылмышыңарды акча менен жаап көнүп калган экенсиңер, өмүрүңөрдү бере аласыңарбы?

- Жан соога байке, өлтүрө көрбөңүз.

- Башкаларды өзүңөрдөй көрбөйсүңөрбү, силердин жаныңар ширинби?

- Жаңылдым байке.

- Сен каталыгыңды мойнуңа алып досумду актап чыгасың уктуңбу? - деди Шахзат аны ээгинен өйдө көтөрүп.

- Байке, андай болбойт го?

- Эмне урматтуу атаңдан коркуп турасыңбы?

- Билбейм, эмдигиче издетип жаткан чыгар...

- Эчтеке эмес, бирөөлөрдүн жүрөгүн ооруткан адамдын өзү дагы жоготуу кандай экенин түшүнсүн, - Шахзат терс бурулду, - Алып барып суу бербей камап койгула, урматтуу таксырлардын көздөрү таңылуу болсун.

- Жарайт, - деди да Бексултан экөөнүн көзүн байлап туруп бөлмөдөн алып чыгып кетти. Алардын ата-энелери коргоо министрлерин чогултуп алып каарданып жатты.

- Кайда жоголушу мүмкүн, бир нерсе болсо башыңар менен жооп бересиңер! - деди Канболот Камчиевич.

- Таксыр, күмөн санай турган эч ким жок, ойноп жүрүшкөн чыгаар...

- Ойноп? - Эгерде ойноп жүрүшсө дареги билинмек, күмөндүүлөрдү бүт текшергиле, кокус балдардын бирине же бир жерине зыян келген болсо таарынбагыла, жөнөгүлө тез!

- Жарайт таксыр, аракет кылабыз.

- Аракет эмес, күндөп-түндөп издеп тапкыла!

- Жарайт, - деди башын жерге салган коргоо министрдин орун басары Авалбек Каратаевич, - Кандай болсо дагы таап келебиз. Алар чыгып кеткенден кийин Канболот Камчиевич телефон чырылдаганынан ала койду.

- Алло, аа сенсиңби кымбаттуум, азырынча кабар жок, сабыр эт алтыным, балдарга эч нерсе болбойт, ооба-ооба сөзсүз табам, азыр, азыр барам, врач чакырдыңбы? Азыр жетип барам, - деди да трубканы кое салып кабинеттен чыкты, аны күтүп турган айдоочуга карап, - Үйгө, - деп унаанын эшигин ачып отура кетти...

Ошондон үч күн өткөндө Марс менен Сейитти колу бутун таңылуу, көзү байланган калыбында борбордун чак ортосундагы дүкөндүн жанынан табышты. Бирок алар даректүү эч нерсени айта алышпады, коркуп дагы калышкан эле. Арадан үч жыл өткөндө Нурлан түрмөдөн чыкты да үйүнө келди, картайган ата-энеси кайгыдан карып боло түшкөн эле, малдары өлүмгө учурап иши бир топ артка кеткен экен. Улуу агалары өз оокаттары менен алек, кээ-кээде ата-энесинен кабар алып, Нурланга жолугушуп турушту. Өзү түптөгөн иши артка кеткенин көрүп капа болду, анан калса Алмашты Шахзат бир жыл мурун ала качып кетиптир. Булардын баары жүрөгүнө оор тийген Нурлан үйдөн чыкпай көпкө чейин үйүндө болуп калды. Арадан бир ай өткөндө ал досун куттуктаганы, бир эсе учурашканы, дагы бир жагы андан жардам сураганы анын кабинетине келди.

- Чоң кыз, Байматов ордунда бекен?

- Азыр бош эмес.

- Ага айтып коюңузчу, мен Нурлан деген досу болом.

- Жарайт, күтө туруңуз, - деп кыз телефондун кулагын бурап байланышка чыгып жатканда Нурлан досу менен кантип көрүшкөнүн элестете жылмайып анан кандай кабыл алаарын көз алдына келтирип кыялданып отурганда, - Кечиресиз, бүгүн сиз менен жолуга албайт экен, - деди жардамчы кыз.

- Эмнеге? - Нурлан ордунан тура калды.

- Мен билбейм, күтпөй бара берсеңиз болот.

- Андай болушу мүмкүн эмес, сиз тактап айттыңызбы?

- Ооба, мен так эле айттым, ишке жолтоо болбоңуз, - Кыз компьютерге карап "ишим эмне", - дегендей отуруп калды, Нурлан шаабайы сууганы менен ишене албай турду: "Кантип Шахзат мени такыр кечип койсун, да-а мындай жайда, жардамчысы аккуудай койкойгон кыз, иши алга жүргөн чоң фирманын жетекчиси болсо мендей түрмөгө отурган достун эмне кереги бар... Жо-жок, Шахзат андай эмес, ал байлыкты достуктан жогору коюшу мүмкүн эмес, жаңылыштык болуп жатса керек, же маанилүү жолугушуусу бардыр", - деп өзүн алаксытып сыртка чыгып агасынын үйүнө келди. Негедир жеңеси ага мурункудай карабай тим эле жырткычты көргөндөй мамиле кылып калганын байкап: "Аттиң, түрмө дегендин бир башкача касирети бар экен да, кантсе дагы "зек", катары кабыл алышат тура", - деп ойлонуп өзүнөн-өзү кысынып отуруп жатып калды, агасы деле чечилип сүйлөшпөдү. Эртеси дагы эртерээк барып Шахзаттын кабинетин сагаалап отурганда секретар кыз келип:

- Бүгүн Шахзат Шарипович болбойт, - деди.

- Эмнеге?

- Жолугушуулары бар.

Айласы куруй түшкөн Нурлан: "Ата-энесиникине барсам бекен, алар дагы менден чоочуп жүрүшпөсүн, Шахзаттын өзүнө сөзсүз жолугушум керек, болбосо ишимди жолго кое албаймын, жок дегенде учурашып кайтайын", - деген ойдо аерден чыкты. Үчүнчү күнү келип отурганда Шахзат сырттан кирип келди, Нурлан тура калып кучак жая:

- Оо досум, кандай акыбалдар?! - деп жете келди.

- Нуке кандай, аман-эсен келдиңби?

- Баары жакшы, баса үйлөнүпсүң, куттуктайм.

- Рахмат, - Экөө ээрчише кабинетке киришти, - Сага мен бара албадым кечир, - деди Шахзат алакан жая, - Күнөөсүз жерден өзүңдү отко салганың мени катуу таарынтты.

- Эмне кылсам да, кандай болсо дагы мен өкүнбөйм досум, көңүлүңө алба, андан көрө өзүң жөнүндө айтчы, үй-бүлөө, ата-эне, ишиң жакшыбы?

- Ойдогудай... Үй жакка барбайсыңбы Нуке?

- Жок, мен жокто чарбачылыгым...

- Уккам Нуке, андан көрө бир жерге барып жай сүйлөшөлү.

- Убара болбо, мен сенден...

- Тур кеттик, сенин аман-эсен келишиңди бир белгилеп койбосок болбойт, - деп Шахзат анын оюн айттырбай эле колтуктап жөнөдү, - Жүрү, бүгүн бир көңүл ачалы, - деди да кабинетин кулпулап чыгып баратып секретарга кайрылды, - Мени бүгүн болбойт деп кой.

- Жарайт Шахзат Шарипович.

- Өзүң да бошсуң, - деп койду да Нурландын ийинине колун кое сыртты көздөй жөнөштү, ошол күнү алар абдан көпкө отурушту, ичимдик ичишти, кечинде үйүнө келишти, кеч келген күйөөсүн күтүп отурган Алмаш Нурланды көрүп селдээ туруп калды.

- Келгиле...

- Алмаш, кимди көрүп турганыңды билесиңби, досум келди! - деп Шахзат аны жүткүнө калып жүзүнөн өөп койду, - Нуке, бөлөңдү сен жокто уурдап алганым үчүн кечир.

- Кубанычтамын дос, менин бөлөм сендей ишенимдүү адамдын түгөйү болгону жакшы эмеспи, ээ Алмаш? - деди Нурлан, Алмаш жүзү кызара борсоюп чоңоюп калган ичин колдору менен калкалай артына бурулду:

- Тамак даяр.

- Биздин кардыбыз ток.

- Мен сени күтүп отурбайынбы?

- Мени күтпөй өзүң иче бербейт белең алтышка, - деди Шахзат, - Андан көрө Нукеге орун салып бер эс алсын.

- Макул, - деп Алмаш ички бөлмөгө кирип кетти. Эртеси экөө тең баштары ооруп ойгонду, Алмаш адаттагысындай тамагын даярдап, бир бөтөлкөнү коюп анан чакырды, адегенде жуунуп анан үстөлгө отурушту. Улам Алмаш менен Нурландын көздөрү чагылыша түшкөндө экөө тең ичип жаткан тамактарын аралаштырган болуп калышат. Ошол күнү Нурлан өз оюн Шахзатка канчалык айтып жардам керектигин билдиргиси келсе дагы ал сөздү жыра тартып башка жакка буруп туруп алды. Шахзат аны билип турса дагы өзүнүн алдында досунун бечара болуп туруусун жактырбады, ал сыр билгизбей Нурланды узатып коюп атасына келип баарын айтты дагы Толгонайга алып берген бир бөлмө үйгө алып келди. Ошентип Нурланга башка жол менен жардам берүүнү чечти, анткени Нурлан Байматты тааныбайт, карындашы Толгонайды дагы таанычу эмес. Нурлан өзүнчө кыжаалат болуп айылга кете берди, убакыт өткөрүп кайра келмек оюнда, агаларына нааразы болду, керегине жаратып малды каалаганынча сатып пайдаланганы менен кышкысын жем-чөбүнө жардам бербей

көбү өлүмгө учурап, жоголгону жоголуп мал сарайдын үч жылда куну уча түшүптүр. Дагы бир ай өткөндө дароо эле барып кабинетине чалды, бирок Шахзат колу бош эмес экенин айтты.

- Шашылыш Кытайга жөнөп жаттым эле, бир жума болбойм.

- Шаха...

- Кечир досум, - Шахзат трубканы коюп койду: "Демек бул мени жактырбай калган экен, көзүмдү көргөндө гана басып кете албай күлө жооп кылып сыйлаган экен", - деп көңүлү кала жалгыз болгусу келип жол бойлоп кетип жатты. Ал жол бою ар кандай адамдарды көрдү, бөйчөйгөн кемпирдин, ак сакалдуу карынын кайыр сурап отурганын, жаш балдарын алып отуруп тилемчилик кылып ыссык аптапта какталган аялдарды көрүп жүрөгү ооруду. Ал жай басып ээн болууну самап Жаш гвардия багына жетип отургучка отуруп эмелеги ооруган жүрөгүнө кубаныч кирди. Анткени мотурайган балдар ата-энелери, чоң аталары, кээси эжелери менен бейкапар гана дүйнөнүн ачуу-таттуусу менен иши жок ойноп жүргөнүн көрүп өзү дагы балалуу болгусу келди: "Болду, мен дагы үйлөнүшүм керек, бала жытын жыттап бактылуу өмүр сүрүүгө менин дагы акым бар", - деген ойдо чуру-чуу болуп ойноп жаткан наристелерди карап кыялданып жатты, ал ушул кезде досунун мекемесинен чыккандан бери артынан акмалап келе жаткан адамды байкаган да, сезген да жок, бир кезде жанына буурул чач, көгала мурутчан адам келип отурду да:

- Уулум, бир нерсеге капасыңбы? - деди.

- Жок, - деп Нурлан аны таңгала карап койду.

- Капаны ичке каткан болбойт балам, сары санаа убайым адамды оору кылат, сен бирөөгө капа болуп турасың го?

- Анын сизге кызыкчылыгы деле жок чыгар аба.

- Туура, бирок ооруну жакшырса өлүм ашкере кылат деген.

- Кечиресиз...

- Мейли балам, өз убайымың өзүңө, мен айтканым менен сен эмнени түшүнмөк элең? - деди да ал адам туруп кетмек болду.

- Аба, - деди ошондо Нурлан, - Сиз дос дегенди кандай түшүнөсүз? - дегенде ал кайрылып:

- Дос деген кудаанын атына барабар деп билемин, - деди.

- Дос күттүңүз беле?

- Күткөмүн.

- Кандай мамиледесиз?

- Эң жакшы, картайсак дагы сыйбыз, эмне досуң сени баалабадыбы? - Сынай карады, бул Шахзаттын атасы Баймат болчу.

- Жок, андай деп ойлобойм, бирок биздин достугубуз убактылуу болсо керек деп ойлоп калдым, балким балалык кездеги жөн эле жоро-жолдош болуу болсо керек, - деди Нурлан ойлуу.

- Ошондой болуусу да мүмкүн, же жөн эле жаңылуудур, кана кандай болду эле? - деп Баймат кайра отурду.

- Мен өзүм досум деп ойлоочу элем, түбөлүк сыйлашабыз дегенмин, мага эч нерсе дегени жок, бирок жолугуудан баш тартты, - Нурлан баарын айтып берди, - Балким чындап эле ишинен бошой албай жаткандыр...

- Андай болушу да мүмкүн, - Баймат ойлуу Нурланга кайрылды, - Сага жардам керек болсо мен берейин.

- Кантип? - Нурлан бейтааныш адамга таңгала карап калды.

- Ушинтип эле, менин балдарымдын баары өз-өз жашоосу менен кеткен, кызым экөөбүз турабыз, менде акча бар, пайдасы сага окшогон адамдарга тийсе жаман болбос эле, катылып тура бергенден көрө.

- Жок аксакал, мен бейтааныш адамдан албаймын, жок-жок! - Нурлан тура калды, - Мени мазак кылбаңыз.

- Ойлонуп көр, мен бул жерге күндө келемин, эгер керек болсо ушул жерден кайсы күнү болсо дагы жолугабыз, - деп Баймат мурунтан даярдап жазып койгон дарегин отурган ордуна коюп басып кетти. Нурлан аны узата карап туруп кагазды алып көз жүгүртө отуруп калды. Ал ойлонуп жатып акыры дарек боюнча келди да Байматтан бир миллион сом алды, көздөгөнүн кылып жок болгон малдардын ордун толуктап, мал бакканга адамдарды жалдап сатуучусун сатып, төл берчүсүн өзүнчө багып бир жылда бир топ ирдене түштү, алган акчасын кайрып бермек болуп келгенде Толгонай бар эле, агы ак, кызылы кызыл толукшуган айдай кызды көргөндө аргасыз айланчыктап калды. Мунун баары Шахзаттын атайы уюштурган иши эле. Босогодо өзүн карап туруп калган жигитке күлүмсүрөй караган Толгонай:

- Кириңиз, атам азыр келип калат, - деди.

- Жо-жок, сырттан эле күтөйүн, - Нурлан сөз айта албай калды.

- Аныңыз болбойт, үйгө келген конок босогодо турганы үй ээсине уят го? - Толгонай жылмая карады.

- Мен... мен сизге таштап кете берсем да болоор...

- Жо-ок, өзүнө бериңиз, ичкери кирип жок дегенде суусундук ичип күтө туруңуз.

- Рахмат, - Нурлан аргасыз ичкериге кирди.

- Жай отура туруңуз, мен чай алып келейин, - Толгонай ашканага чыкты, бир аздан соң дасторконун алып кирди.

- Чоң кыз, тынчыңызды алсам кечириңиз, күтүлбөгөн конок болдум окшойт.

- Жо-ок, эмнеге андай ойлойсуз? - Толгонай көз кыйыгы менен карап жылмайганда ууртуңдагы уячасы өзүнө жарашып жигиттин жүрөгү элеп-желеп болуп дүкүлдөп чыкты.

- Атыңыз ким?

- Толгонай, а сиздики Нурлан.

- Билет экенсиз го, атыңыз угумдуу экен.

- Ыраспы? - Дагы наздана күлүп койду, кыздын ар бир көз карашы Нурландын жүрөгүн канжар менен сайып ийгендей тыз-тыз эттирип жатты.

- Чын айтам Толгонай, кайда окуйсуң?

- Мединститутта.

- Оо врач болот экенсиз да.

- Ошондой, бала кезимден ушул кесипти сүйөм.

- Адамдарды ажалдан арачалоо кандай жакшы.

- Мен адамдарды оорубаса экен деп тилейм, бирок адам болгон соң баары болот экен да, - Ойлуу чыныга чай куюп сунду.

- Толгонай апаң кайда?

- Атамдар башка турушат, менин окуума карап ушул үйдү сатып беришкен.

- Жакшы, мен Баймат абадай кең пейил, колу ачык адамга жолукканыма миң мертебе ыраазымын, сиздей кызга жолуктум...

- Ата-энем, бир туугандырымдын баары ошондой.

- Кой эмесе, мен кете берейин Толгонай, бул акчаны сизге таштайм, менин атымдан ыраазычылык айтып берип коерсуз, - деп баштыкты жылдырды Нурлан, - Дагы бир келип кетем.

- Ишеним артсаңыз албетте берип коеюн, - Толгонай жылмая карады, - Сизге рахмат.

- Жакшы туруңуз Толгонай, - Нурлан үйдөн чыкты, бирок ал ушул көп кабат үйдүн бөлмөсүндө өзүнүн бир аялуу нерсеси кала бергендей бир капшыты эңшериле кетип жатты. Нурландын оюна Шахзаттын бул кылганы келген дагы жок, бирок ал бир күнү келип куш тилиндей кат таштап кетти: "Досум кандайсың, ден-соолуктарың жакшыбы? Кабинетиңе келгеним менен кабыл албасыңды билем, анткени түрмөгө отурган адам менен мамиле кылганың сенин кадыр-баркыңа доо кетирсе керек. Ошентсе дагы өзүм жөнүндө сага бир жолу айтууга акым бар го? Мени бир жакшы адам көтөрмөлөдү, анын арты менен айдай сулуу кызга жолуктум, аты Толгонай! Эми жакында үйлөнөм, отуздун кырында үйлөнмөк болгон досуңдун үйлөнүү тоюна келээриңе шегим жок, анткени мен сени досум, акыреттик досум деп эсептейм, Алмаш экөөңөрдү күтөм! 1999-ж.09.22. Нурлан", - деген катты чалкалай отуруп окуган Шахзат күлүмсүрөп алды: "Сен баарын билгенде гана достун кандай экенин түшүнөсүң досум, бактылуу болгула, карындашым жаман адамды тандаган жок", - деп ойлонуп алды. Бирок ал тойдо дагы эч нерсе болбогондой дос катары келип кетти, Алмаш дагы сыр билгизбеди. Толгонай андан бетер зымпыйып агасынын жанында бей тааныштай мамиледе болуп кирип-чыгып жүрдү. Нарынбай уулунан эч нерсени аяган жок, эки уулу да келип куда күтүштү, ырым-жырымын жасашты. Аңгыча Алмаш уул төрөп баласын көрүп барып келишти. Карачач менен Кундуз жээнтектеп келгенде Шахзаттын ата-энеси ошол жерде эле, бирок алар дагы Толгонайдын атасы Алмаштын кайнатасы экенин билишкен жок, анткени Шахзаттын айтуусу менен ойлонуштуруп Толгонай күйөөгө тийгенде апасы гана келип атасынын жумуштары чыгып калганын айтып коюшкан. Шахзат үйлөнгөндө атасын көрсөткөн эмес. Ошентип бир кез келчү кырдаалды күтүп жүргөндө Айбек өзү Нурланга дагы, Шахзатка дагы келип уулунун сүннөт тоюн бергени жатканын айтып чакырып кетти. Ошол тойдо эки достун бири-бирине болгон таарынычы бүтүп бир туугандай мамиледе болуп калаары экөөнө табышмак бойдон эле, бирок ал тойго барбай калышты...

Элдияр бир үйдүн жалгыз баласы, колунда бар атасы жалгыз уулун эрте үйлөнтүп небере-чөбөрө көргүсү келип аскерге жөнөтпөй эле үйлөнтүп койгон. Бир балалуу болгон соң жашай албай ажырашып кетишти, ата-эненин айтып дегенине болгон жок. Ошол жылдары атасы катуу ооруп көз жумду, апасы экөө калганда Нурия уулуна:

- Балам, келинди баласы менен алып кел, - деди.

- Эмнеге?

- Ботом баланы кантесиң?

- Кереги жок, алсам башка аял алам, - деген Элдияр моюн толгоп өз билгенин кое бербей күйөөдөн чыккан Жамалды ээрчитип келди. Ошентип Жамал экөө жашап калды, негедир алар загска турганы менен нике кыйдарышкан жок. Нурия дагы небересине кейип-кепчип жүрүп сезген эмес. Жылдар өтүп Элдияр бизнесменге айланып аялы экөө шаарда туруп калышты, бир кыз, бир уулдуу болушту. Мурунку аялы менен кеткен баласы Каниет бой жетип атасына келди, аны өз кол алдындагы маршруткалардын бирине орноштуруп койду. Бирок Каниеттин көкүрөгүндө атасына деген кек кетпес болуп кала берди, канчалык колунан келгенин жасап, жардам берип "уулум" деп кайрылып мээрим төгүп турса да ичинде муз тоңуп турчу.

- Уулум, сен бүгүн башка жакка барасың, - деди бир күнү Элдияр Каниетке, - Зарыл иш бар, ошону бүтүрүп келишиң керек.

- Эмнеге, башкаларды жибериңиз, мен кетишим керек.

- Сен менин баламсың, башкаларга дайындоого болбойт.

- Эмнеге, ошондой жашыруунбу? - Кыртышы сүйбөй кежирлене карады, - Мени андай ишке жумшабай эле коюңузчу, - Терс бурулду.

- Сен энеңдин өзүн тартыпсың, моюн толгобой бар дегенден кийин барып кел, мен айткан соң барасың, анан үйгө бар, мен сага түшүндүрүп берем, - деп Элдияр ары басканда Каниет анын артынан:

- Барбай койсом эмне кыла аласың? - деди. Элдияр укмаксан болуп басып кетти, бирок кыжаалат болуп: "Бөлөк өсүп калган бала, бала болуп жарытпайт экен да", - деп ойлонуп кетип баратты. Чынында Каниет барбай койсо деле эч нерсе кыла алмак эмес, бирок ал келди, Элдияр ага айылына барып союш алып чоң энеси менен бир-эки туугандарын алып келүүнү буйруп жөнөттү. Каниет айылына барып чоң энесине жолуга электе жолдон кыпкызыл машина токтоп жанында бир кыздын кол булгап унаа тосуп турганын көрүп токтоп калды.

- Чоң кыз, кандай жардам керек? - деди түшпөй туруп эле.

- Машинамды карап берип коесузбу, үйгө жетпей бузулуп калды, - деди модалуу кийинген, бутунда бийик така, чачы тармал, көз айнек тагынган кыз.

- Жарайт, каеринен экенин көрдүңбү? - Каниет жанына келип машинанын капотун ачып эңкейип карады, - Эч жеринде бузук жок экен, май түгөнгөн го?

- Чын элеби? - Кыз кубанып кетти.

- Бул жерден май куюучу жай алыспы?

- Аа-а, абдан алыс, эми эмне кылам?

- Кайдан билем, чыгаарда карап чыгыш керек эле.

- Байкабай калыпмын, - Кыз айласы кете ары-бери баса баштады, - Сиз мени кечириңизчи, мүмкүн бир-эки литр май акчасына бере албайсызбы?

- Чоң кыз кайда бармак элеңиз ыя? - Каниет жылмая карады, - Машинаңыздын бузугун же майы түгөнгөнүн билбесеңиз, окудуңуз беле?

- Анда ишиңиз болбосун, сиз мага май бере аласызбы? - Кыз жиндене карады.

- Ачуулануу адамды жакшылыкка алып барбайт, таанышып алалы, менин атым Каниет, - деди Каниет колун суна.

- Менин атым Эркинай, - Кыз дагы жарк этип күлө кол берди.

- Мына, эмесе таанышып калдык, трос барбы?

- Жок, анын мага кереги эмне?

- Менде бар кеттик, - деди да Каниет кызды жанына отургузуп, машинасын сүйрөп жөнөдү, жолдо экөө кызуу сүйлөшүп, бирде күлүп, бирде каткырып айылга кире бергенде май куюучу жайды көрүп Эркинай кубанып кетти.

- Сизге рахмат, эми мындан ары өзүм кетем.

- Эч нерсе эмес, - Каниет кызды узата карап турду, ушул кезде ал өзүнүн өмүрлүк жарын жолуктурганын сезбеди, бирок жүрөгүнө жылуу сезим пайда болду. Эркинай дагы жалгыз бой, анча-мынчаны тоготпогон, өзүн эр ойлогон, бизнесинин артынан биягы Кытай, тиягы Россия менен Американы кыдырган аялдын жалгыз кызы. Эркек бир туугандары бар. Каниетти ал дагы жактырып калгандай май куюп алып жөнөп баратып колун көтөрүп койду:

- Рахмат, жакшы барыңыз!

- Өзүң дагы! - деп Каниет анын артынан түштү. Экөө кубалашып келе жатып улам бири ашып, бири калып айылга кирип келишти. Катар токтоп кайрадан сүйлөшүп туруп бири-бирине дарегин берип коштошушту, Каниет атасына жинденип келе жаткан эле, эми Эркинайга жолукканда келгенине кубанды. Эртеси чоң энеси менен туугандарын алып кайра шаарга жөнөдү, көңүлдүү келген Каниетти көргөн Элдияр.

- Айылга барып көңүлүң ачылып келген го? - деди.

- Эмне болуптур? - Дулдуя чыгып кетти, ошол бойдон ал апасына келди, Күмүш баласы келгенге кубана карады.

- Келдиңби балам?

- Ооба апа.

- Тыйын тыпырың барбы?

- Бар, эмне кыласыз?

- Сен эми үйлөнүшүң керек, үйгө буюм-тайым алайын дегем.

- Аа-а апа.

- Ийи.

- Апа, мен быйыл үйлөнө берсем болобу?

- Эмнеге болбосун, жанагы тыркыйган атаң жардам бербей өлүптүрбү? - деп Күмүш өчү бардай күйөөсүн каргап-шилеп кирди, - Ушу сени төрөгөнүмдө бала деп койбой басып кеткен, эми керек болуп жатасын.

- Апа, койчу ошону, карабаса карабагандыр, эми мага жардам берип эле жатпайбы? - деп Каниет апасын тыйган болду, аны дайым Күмүш шыкактап турчу, иштеп келген акчаларын алып келип берсе деле Элдиярды жамандап, анын өзүн таштап аял алып алганын айтып түгөтө алчу эмес.

- Атаңды айт, кудаларды өзү тосуп берсин, союш-поюшун чыгарсын, мен болсо сени багып ушул күнгө келдим, ал катыны экөө жыргап кана жашап жатат.

- Ал үчүн атам дагы көп эмгек кылды да, үзүрүн көрө берсин.

- Көрө берсин, быйыл үйлөнөм деп сөзсүз айткын.

- Макул, - деп кайра сыртка чыгып кетти. Ал Эркинайдын шаардагы үйүнүн дарегин карап жылмайып койду: "Мен сени табам, анан сөзсүз, сүйүүмдү айтам", - деп дарек жазылган кагазды өөп коюп кайра ичкери кирип эс алууга ордуна жатып калды. Элдияр аялы экөө кээ-кээде айтыша кетишет, анда уулу менен кызы аларга таарынып сүйлөшпөй, бөлмөсүнөн чыкпай коюшат, бүгүн дагы ошентип отурганда Каниет кирди.

- Сало-ом Алейкум! - Элдияр менен учурашып стулга отурду.

- Жумушка чыктыңбы?

- Ооба, мен сизге бир нерсени кеңешейин дедим эле.

- Айта бер.

- Мен быйыл үйлөнөм.

- Эмне? - Элдияр аны ормое карап калды, - Кимге, кайдагы кызга?

- Таластан эле...

- Кимдин кызы экен?

- Сурабадым, ата-энесин сурап эмне кылам, өзү жакса болду да.

- Эй бала, ата-тегин билбей туруп көчөдө жүргөн кызды алып келе бермек белең? - Ачуулуу карады Элдияр.

- Сурап билем да.

- Давай, баарын билгин да толук айтып кел.

- Макул, мен кеттим, - деп чыгып кетти Каниет.

- Эми буга дагы чачылат экенсиң да, - деди Жамал мурчуя.

- Балам болсо чачылам да, таштап коймок белем?

- Чачыл-төгүл, маа десең эчтекең калбай калганча чача бер!

- Апа, ал деле биздин агабыз да, ага анча эмнеге ачууланып жатасыз? - деди ошондо уулу Урмат.

- Сен жөн жүрчү, сага ким коюптур кийлигишкенди.

- Мен деле чоңойдум, эмнеге мени жаш баладай көрөсүңөр? - деди тултуйган Урмат, - Бири-бириңди сыйлабайсыңар анан бизге тарбия бере аласыңарбы?!

- Эмне дейт, ой бала? - деген Элдияр оозун ачып карап калды.

- Баары сенин кесириңден, - Жамал ыйлап кирди, - Эсиңдеби, сен мени үйүңө алып келгенде нике дагы кыйдырган эмессиң, эми минтип үйүбүздөн ырк кетип, балаң өзүңө чоң сүйлөп жатат.

- Эмне-е?

- Ошо, биздин жашообуз күнөө, адалдаган эмессиң.

- Нике кагаз турбайбы?

- Ал деген мыйзам түрүндө, дин боюнча алганда никесиз деген күнөө болот экен, балдарыбыз дагы никесиз төрөлдү.

- Ушуну ойлогон эмес экенмин...

- Эмнеге, кыргыз эмессиңби, апаң деле ошону бизге неге айтпайт, же мени каалаган эмеспи ыя?! - дегенде Элдияр башын чеңгелдей саамга отуруп калды да сыртка чыгып кетти. Ошол күнү ал кечинде бир кой алып келип союп молдо чакырып нике кыйдырып эс ала түштү, бирок үй-бүлөөсүндө негедир эле тынчтык, ынтымак болбой баратты, баары куруп кеткир акчадан чыгат. Жамал Каниет үйлөнөм дегенден бери буулугуп эле кирип-чыгып сүйлөнүп, балдарын урушуп албуут аялга айланды. Мурун көп сүйлөбөгөн аял өзүнөн-өзү жиндене баштады...

Каниет ишинен колу бошобой алыска каттап жүрүп Эркинайга жолуга албай жүрдү, ойлоп коюп апасына тапканын берип күнү-түнү Ош, Жалал-Абадга каттап көңүлдүү, Эркинайды ойлогондо кыялдары кырга жетип кээде үйлөнүп бала-чакалуу да боло калат. Бир күнү унаасын токтотуп эки жагын караган болуп жатканда Элдияр ага басып келди:

- Эмне бузулдубу?

- Мотор ысып кетип жатат.

- Жакшылап карап ал, эмнеге үйгө барбай калдың?

- Үйлөнүүгө даярданып жатам.

- Жакшы, апаңдын даярдыгы кандай?

- Аракет кылып жатат.

- Кыздын ким экенин билдиңби?

- Жок, сураганга жетише элекмин.

- Макул, өзүңө кара, - деп коюп басып кетти. Каниет анын артынан карап туруп: "Мен бой жеткенче кабар албаган ата, балам бар деп ойлоп койбой башка аял алып апамды таштап кетип эми менин кимдин кызын алаарымды билгиси келет", - деген Каниет улутунуп алды: "Мен эч качан аялымды таштабайм, баламдын энесин кантип таштап атасыз өстүрөм", - деп башын жерге салып үйүн көздөй жөнөдү, келген соң жуунуп, жасанып алды да Эркинайга жолугууга шашып чыкты. Эркинай жаңы гана үйүнөн курбусу Наргиза экөө чыгып машинасына отурганы жаткан, Каниет жете келди:

- Эркинай кандай?

- Оо, мен кимди көрүп турам, өзүң кандайсың? - Жадырай карап учурашты.

- Баары жакшы, бош болсоң бир аз сейилдебейлиби?

- Биз бир жумуш менен кетип жаттык эле, таанышып кой, курбум Наргиза, - деди Эркинай, - А бу жигит узак жолдун ээси, аты Каниет, - деп Наргизага карай жылмайды.

- Таанышканыма кубанычтуумун.

- Мен дагы, - Каниет кайра Эркинайга кайрылды, - Жолугушууну белгилебейлиби, эгерде туура көрсөңөр.

- Бүгүн эмес, балким эртең жолугаарбыз.

- Эртең мен Жалал-Абадга кетүүм керек.

- Анда-а, - Эркинай ойлуу Наргизаны карады, - Эмне кылабыз курбум?

- Өзүң бил.

- Эмесе мен макулмун, - Эркинай Каниетке карай бурулду.

- Анда кеттикпи?

- Мен кете берсем болобу? - Наргиза экөөнө кайрылды.

- Эмнеге? - Эркинай таңгала карады.

- Экөөңөр бирге сүйлөшкүлө, жай отургула, мен ашыкча болуп калам го, - деди Наргиза жылмая.

- Жок-жок, сен ашыкча болбойсуң, чогуу көрөбүз, - деп Каниет экөөнү карап күлүп койду, - Теңтуштардын ортосунда мындай сөз болушу мүмкүн эмес го?

- Албетте, сен менин курбумсуң, Каниет экөөбүздүн жашыруун деле сөзүбүз жок, - Эркинай Наргизаны колунан алды, - А эгерде болсо сенден жашырмай жок, ыраспы Каниет?

- Ананчы, жашырмай жок, - Каниет дагы күлдү. Үчөө Эркинайдын унаасына отуруп шаардын четиндеги кафеге келишти, Каниет кыздарды колунан келишинче сыйлап жатты, үчөө күлүп-жайнап көңүлдүү отурушту андан кийин паркка келип сүйлөшүп көпкө отурушуп анан үйлөрүнө кайтты. Эркинай адегенде Наргизаны үйүнө жеткирип Каниетке карады:

- Эмки кезек сиздики, үйүңүзгө жеткирип коеюн...

- Жо-ок Эркинай, өзүм кетем, андан көрө бир аз отуралы.

- Эмнеге? - Кыз жигитти суроолуу карады.

- Эркинай, сенин ата-энең кай жерлик?

- Таластан.

- Жакшы экен, бир жерден экенбиз, Таласта турушабы?

- Атам жок, апам чет өлкөлөргө каттайт.

- Бир туугандарың барбы?

- Эки агам бар, үйлөнүп бала бакыралуу.

- Демек жалгыз эрке кыз экенсиң да?

- Эркеликти жактырбайм.

- Эмне иш кыласың?

- Дүкөнүм бар.

- Эркинай, - Каниет кыздын жүзүнө тике карады, - Мен сени сүйөм деп айтпайм, сүйүү деген таза бойдон сакталуусу керек, мен сени жан дилим менен жактырдым, макул десең мен сага үйлөнөм.

- Кызык, не дээримди билбей турам.

- Эмнеси кызык, жашоодо үйлөнүп үй-бүлөө куруу парз, болгону мен сүйүүнү жүрөгүмө катып, өмүр бою алган жарымды сыйлап өтүүгө ант берем Эркинай.

- Ойлонуп көрүүм керек, сен мени туюкка камадың.

- Жарайт, ойлонууң керек, дароо эле жооп бер деп айтпайм, менин ата-энем жашымда ажырашып кетишиптир, апам менен турам, атам болсо бизнесмен, катышып турам, - деди Каниет, - Демек биз бири-бирибизди билебиз, терең ойлонуп өзүң чеч.

- Макул, анда мен үйгө барайын.

- Көрүшкөнчө, - Каниет кызды жылмая карап коюп унаадан түштү, - Жакшы эс ал.

- Өзүң дагы, Эркинай келбетүү, узун бойлуу жигитти карап отурган бойдон ойлуу телмирди: "Акылдуу, токтоо жигит экен, мени жактырып калган тура, а менчи, балким мен дагы жактыраармын, турмуш курса эмне экен, апам каршы болбойт, каалаганыма чыгууга акым бар го", - деген кыязда унаасынан түшүп үйүнө кирди, ал ошол күнү Каниет жөнүндө көп ойлонду, апасы Италиядан чыктым деп телефон чалды. Ал ойлонуп отурганда Наргиза дагы чалды:

- Алло, Наргиза эмне болду? - деп Эркинай трубканы алганда Наргизанын үнү угулду:

- Эркинай, мени бирөөлөр ала качып кетти, атамдар үйдө жок болчу, сен келип калчы, - Наргиза ыйлап жатып сүйлөдү.

- Дареги кандай, мен азыр барам, макул-макул ыйлабай туруп тур! - деди да шашыла кийинип алып машинасын айдап жөнөдү, ал келгенде Наргизага жоолук салып, көйнөк кийгизип көшөгөгө киргизип коюшкан эле. Эркинайдын машинасы токтогондо эле эки-үч аял эркек жетип келди:

- Айланайын, сен курбусу экенсиң, сооротуп ко й эми, кыз деген ушундай болот, бир күнү бирөөгө бүлөө болосуңар, - деп бири эбиреп жебиреп сүйлөп Эркинайды колтуктан алды:

- Көрбөй билбей эле ала качканыңар туура эмес го, ата-энеси азыр шаарда эмес, Кытайга кетишкен, өзү жалгыз кыз.

- Эми айланайын кызым, ата-бабабыздан калган салт ала качуу, андан көрө курбуңду отургузганга көмөктөш айланайын, - дегенче үйгө кирип келишти.

- Эркина-ай! - деп отурган жеринен тура калып бакырып ийди Наргиза, жоолугун алып ыргытканда ала койду Эркинай, ушул тапта анын оюна: "Келин болуп же ала качып барган жерде ак жоолукту алып ыргыткан жаман жөрөлгө, алгачкы ак пейилден салган, ак тилек менен арналган жоолук ырыс-бакыт алып келет, алып ыргытса өз ырыскысын өзү ыргыткандай болот кызым, менин айтканымды эсиңен чыгарба, мени унутсаң да көзүм өткөн соң айткан акыл-насаатымды унутпа", - деп айткан таенесинин сөзү кулагына угула:

- Наргиза, Наргиза ыйлабачы, - деп кучактап калды.

- Эркинай, мени бул жерден алып кетчи, - Наргиза бышактай карады, - Мени эптеп алып кет.

- Жарайт, жарайт алып кетем, ыйлаганыңды токтот, - деди да анын көз жашын аарчып ордуна отургузуп жанына отурду, - Болду, ыйлай бербе, сага күйөө болчу баланы көрдүң беле?

- Жо-ок, көргөн эмесмин, жигитим бар Эркинай, андан көрө ага чал, үй номерин берем, - деп Наргиза сумкасынан блокнотун алып телефонун бере салды. Экөө шыбырашкан соң Эркинай сыртка шашылыш чыгып кетип тааныбаган жердин телефон түйүнүн таппай көпкө кыйналды, акыры таап дароо чалды эле уйкусураган Темканын үнүн угулду:

- Алоо, ким бул?

- Темка, тезирээк бул дарекке келип кал, Наргизаны бейтааныш бирөө ала качып кетти, мен курбусумун.

- Эмне-е, кайсы Наргиза?

- Ал сенин кызың эмеспи, Наргизачы Темка, ага жардам керек.

- Ай койчу, кайдагы Наргиза, кайдагы Эркинай мен эч кимди тааныбайм, - деп трубканы коюп койду.

- Аллоо, Аллоо Темка! - деген Эркинай саал туруп кайра чалды, - Алло Темка, сен уйкусурап жатасың, Наргиза сенин сүйгөн кызың го?

- Мен Наргиза дегенди тааныбайм! - деп дагы коюп койду, Эркинай шалдая туруп кайра Наргизага келди.

- Эмне болду, айттыңбы Темкага? - Наргиза жалдырай карап шыбырады.

- Жок, ал үйүндө жок экен, апасы алып ал көпкө чейин келбейт деди, - Эркинай калп айтууга аргасыз болду.

- Эми эмне кылам, Эркинай кетеличи бул жерден, мени ала кет.

- Макул, - деген Эркинай аны колдон ала көшөгөнү ачып жетелеп жөнөдү, аларды көргөн аялдар жолун тосуп кармап калышты.

- Алсыз кызды алып келип кордогонуңар кантип болсун, көңүлү жок кыз сиздерге келин болуп береби, андан көрө ата-энеси келгенде барып өздөрүнөн колун сураңыздар, - деди Эркинай акырын сүйлөп, - Мындай болбойт, кое бериңиздер!

- Чоң кыз! - деп узун бойлуу жигит кирип келди, - Мен Наргиза менен бир ооз сүйлөшсөм болобу? - дегенде Эркинай Наргизаны карады, ал бир Эркинайды, бир күйөө болчу жигитти карап туруп калганда, - Мен Наргизаны бир көрүп жактырып калып ала качтым, атым Алыкул, искусство институтунда мугалим болуп иштейм, - деди да, - Кана Наргиза экөөбүз бир мүнөткө сүйлөшө алабызбы? - деди.

- Бир ооз жолугуп сүйлөшүп койсоңуз болмок экен, - деди Эркинай.

- Сүйөм деп айтуу оңой, сүйүү оңой эмес, мен Наргизаны жүрөгүмдөн орун берип, түбөлүк жар кылып алам деп ала качтым, бир же эки балалуу болгондон кийин ажырашуу үчүн эмес, - деди эле Эркинай курбусуна карап: "Сүйлөшүп көр, ылайык эле болсо керек", - дегендей башын ийкеди. Ал дагы узун, шыңга бойлуу, сулуучумак жигитти жактыра түштүбү унчукпай артка кайрылды, баары сыртта калып Алыкул менен Наргиза бөлмөдө калышты. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин Алыкул чыкты, - Сиз аяш үйгө кирип курбуңуздун жанына отуруңуз, сиздер кам санабай конок камын көрө бериңиздер, - деди да ары басып кетти. Ошентип Наргиза отуруп калды, Эркинай ага кубанды, анткени сүйөм деп алдап жүргөн Темканы ичинен жек көрүп турган: "Ага ишенсе бир күнү муну алдап кетмек экен, дагы жакшы бактысы бар экен, жакшы адамга жолукту байкушум, эми бактылуу эле болсун", - деп ойлонуп жатты. Ал күнү аерде конок болуп анан эртеси курбусуна бак-таалай каалап коштошуп үйүнө кайтты. Ага Каниет ошондон кийинки бир рейстен шашылып келип жолугуп жүрдү, экөө кийинки бир жолугушуусунда бирге отуруп сүйлөшүп отурган:

- Эркинай, менин жообумду качан бересиң? - деди Каниет.

- Шаштырдың го? - Эркинай күлүп койду.

- Апам келин алып кел деп шаштырып жатат.

- Апам келсин, - деп Эркинай курбусунун кандай абалда калганын айтып берди.

- Коркпо, мен андайга барбайм, өзүң макул болбосоң кантип алып кетмек элем? - Кыздын колунан аста кармап койду.

- Рахмат түшүнгөнүңө.

- Биз бир күн же бир жыл жашабайбыз да, баш кошсок өмүрлүккө жашап түбөлүк бирге болобуз, бала күтүп татыктуу ата-эне болуу үчүн баш кошобуз туурабы?

- Туура, бул сөзүң жөн гана кооз сөз болбосо туура...

- Эмнеге, мага ишенбей турасыңбы Эркинай?

- Сак болууну таенем үйрөткөн, айрыкча кыз бала жигиттерге алданып калбасы үчүн өзүнө сак болуу керек.

- Албетте, бул сөзүңө мен дагы кошулам, бирок сен айткан жигиттин бири эмесмин, - Каниет күлүп калды. Экөө сүйлөшүп отуруп анан коштошушту, Эркинай Каниеттин мүнөзүн жактырып калды: "Мен издеген кыялымдагы жигит, мен бактылуумун, апам каршы болсо өзүм сүйөөрүмдү айтам, менин бактылуу болушумду каалайт апам, агамдар деле мени бактысыз болсун демек беле, өзүм каалаган адамга өз эрким менен барганым кандай бакыт, байкуш Наргиза, өзүн сүйбөй эле алдап жүргөн Темкага ишенип алганын кара, Каниет адамгерчиликтүү, маданияттуу, тарбиялуу жигит", - деп жылмая келечегин көрүп тургандай ырахаттана үйүнө келди. Ал келээри менен эле апасы келип калды. Бурма кирип келгенде Эркинай кучактап калды:

- Апа-а, келээриңизди айтып койбойт белеңиз?

- Үйгө чалсам сен албадың го кызым.

- Мен үйдө болбосом керек анда.

- Ошондой го, акыбалың кандай кызым?

- Баары ок-кей апаке, өзүңүз кыйналбай эле келдиңизби?

- Нормально, ушу барышта бир аз ден-соолук начарлап кетти кызым, дарыгерлерге көрүнүп дарыланбасам болбойт, - деди Бурма креслого чалкалай, - Ишиң кандай?

- Жакшы.

- Сага эмне алып берейин? - Бурма үй ичин кыдырата карап алды, - Эмнең жетишпейт өзү?

- Менимче баары эле жетиштүү го?

- Жарайт, жаңы модадагы кресло келиптир дейт го, германияныкы, ошондон алып берем, - деди да жатып калды, Эркинай чай коюп, тамак жасады, анын жасаган тамагын көргөн Бурма кызын аста карады эле:

- Апа, тамак жегенден толуп кетет экенмин, диета кармайын дегемин, - деди.

- Ошондойбу же акчаны аяп эт албай жатасыңбы? - Эне туруп барып муздаткычты ачып карап, - Кызым, муздаткычта эчтеке жок го? - деди.

- Өзүм жалгыз анча тамакты эмне кылам апа?

- Эмне болсо дагы толуп турсун дебедим беле, үйгө конок келип калса дүкөнгө чуркап отурмак белең? - Бурма капа болуп карады, - Мындайың болбойт кызым, жок болсо бир жөн, барды бапырата кармап жүр, мен тээтигил атам тааныбаган жерлерде өз кара башым үчүн жүргөнүм жок, силерди адамдай жашасын, кем болбосун деп жайы-кышы жүрбөйүнбү, - деп кейип отуруп калды.

- Апа, капаланбачы эми, мен жалгыз эмне кылмак элем деп эле ойлогом, - Эркинай апасын кучактап калды.

- Кайраттын үйүнө бардыңбы?

- Кечээ баргам, Канат акем болсо окуп жатат, жеңем төрөйүн деп калды, - деп апасын кучактап отурган бойдон сүйлөдү.

- Аман-эсен көз жарып алсын, аларга дагы миң доллардан берейин, а сен болсо мендиксиң, - деп кучагына кыса чачынан жыттап койду, - Кызым, сенин себиңди даярдашым керек.

- Койчу апа, эмитен элеби? - Эркинай карап алып кызарып кетти, - Эрте го...

- Ээ кокуй, жыйырма экиге келип калдың, сендей кыздар эбак экиден балалуу болуп калышты го?

- Эрте эле күйөөгө тийгенде эмне...

- Кокус ала качып кетсе эмне кыласың?

- Ала качса эле отуруп калмак белем? - Таарынгандай тултуя сүйлөдү, - Баса берем.

- Болбойт, илгери мени деле атаң ала качып алган.

- Ошондуктан жашай албай калдыңар да.

- Ал тагдыр кызым, бири-бирибизди түшүнө албадык.

- А мен антким келбейт, өзүм кааласам көрөм...

- Адамдын тагдыры өз колунда болсо кана, каалагандай болоор эле, андай эмес кызым, таалайыңа туш келгенге көнбөскө аргаң жок бир пендебиз, каада-салт деген бар, кары-картаң, улуу-кичүү деген бар, босогону аттап кирген соң артыңа кайрыла албай турган убакыттар болот, кетип калса каргыш деген ээрчийт, каргышка калгандан көрө салтка баш ийип таш түш таалайыңдан көр деп отуруп калган оң да...

- Эмнеге адамдар андай зулум болушат, өздөрүнүн эле балдарындай көрүшпөйбү?

- Пенде деген ошо, илгертеден канга сиңген, башын аттап кеткен кыздын бактысыз болушун тилеп каргап коюшат.

- Жаман экен, - Эркинай ойлонуп калды: "Эгер мен Наргизаны алып баса бергенде каргап коймок турбайбы, балким Алыкул каргатпайт беле, ал деле теңсинбей кетип калганга намыстанса аямак беле", - деп ойлонуп отуруп анан апасы диванга, өзү ордуна жатып уйкуга киришти. Эртеси экөө дүкөн кыдырышты, үйүнө диван кресло алып келип, бир сыйра кийим-кече алышты да кайра келип эки уулунукуна бирге барышты. Эркинай кайра кетип Наргизанын акыбалын билмек болуп барды, ал аны жаадырай тосуп алып эки курбу кучакташып өбүшө учурашып:

- Ал-абалың кандай? - деди Эркинай.

- Жакшы, өзүң эмнеге көпкө келбедиң?

- Мен сага белек алып келдим, Алыкул экөөңөргө.

- Тим койбойт белең, мага сенин белегиң эмес өзүң эле керексиң, сагынып кеттим, эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, Алыкул болсо жумушта кечке чейин.

- Жашооңор кандай анан, аяш көңүлүңө жактыбы?

- Жакты, бирок мен Темканы ойлой берем.

- Эмнеге? - деп Эркинай аны дароо карады: "Койчу ошону", - деп айтып жибере жаздап токтогон эле.

- Наргиза, курдашыңа чай-пай кой балам, - деди кайненеси бир кезде баш багып.

- Азыр апа.

- Наргиза, чайды тим эле койчу.

- Ошо кантип болсун, атайын келип куру кетмек белең, мен сага алаксып отура берген турбайынбы, - Наргиза сыртка чыгып барып дасторкон алып келди. Экөө кобурашып отуруп анан Эркинай кетээрде Наргиза кайненесинен суранып чыгып келмек болду. Алар базар кыдырышты, Наргизанын дегеле сөзү түгөнбөдү, Алыкулдун өзүн кандай сүйөөрүн, кандай белек бергенин жобурап жатты.

- Андай болсо Темканы эмнеге ойлойсуң?

- Мен аны сүйчүмүн Эркинай.

- Алыкулду деле сүйүп кетесиң.

- Билбейм.

- Наргиза, Темканын сени чын сүйөөрүнө ишенесиңби?

- Ал мени катуу сүйгөн Эркинай, кантип жүрөт болду экен байкуш? - Наргизанын көзүнө жаш айлана түштү. Алар ошентип келе жатканда алдынан эки-үч бала менен Темка чыкты эле Наргиза тык токтоп жалдырап туруп калды, Эркинай экөөнү карайт, жакын келген Темка:

- Ох-хо-о Наргиза кандайсың? - деди жалжаңдай күлүп.

- Темка-а! - Наргиза көзүн алайта карап калды.

- Эмне болду, бактылуусуң го ыя, күйөөгө тийген сага жагыптыр, супсулуу болуп кетиптирсиң.

- Темка сен...

- Эчтеке эмес, тоок сүйүү өткөн да, - деп ыржалактай Наргизанын маңдайына келип ээгинен өйдө көтөрдү, - Эми жолуң ачылып калды, көңүлүмдү ачпайсыңбы ыя?

- Темка! - деп калтырай үн катты Наргиза, - Сени мен чын жүрөгүм менен сүйүп, сага ишенип жүрсө акмак турбайсыңбы! - деди да колго чаап ийип жүгүрүп жөнөдү.

- Жигит эмес экенсиң! - деди Эркинай, - Кыз сыйлаганды билбесең кыз жандап эмне кыласың? - деди да Наргизанын артынан жүгүрдү, Наргиза элден далдоо жерде буркурап ыйлап отурган, - Көз жашыңдан айлансын Наргиза, ушундай эркекти сүйөм деп кадырын көтөрбөй эле койчу.

- Эркинай, мен аны чын сүйгөмүн, анын мындай экенин билген эмесмин, - Наргиза көпкө ыйлады, анан өзүнө келип көз жашын аарчып алып, - Кой, мен үйгө барайын, апамдар эртең үйгө келишсе бүрсүгүнү чакырабыз, - деди суз.

- Өзүңдү кара курбум, сени сүйүп, сен деп турган адамдын кадырын бил, иши кылса бактылуу бол, мен дагы келип турам, - деп Эркинай курбусуна боор ооруп үйүнө жеткирип койду да кайра кетти. Бирок бул окуя анын жүрөгүн оорутту: "Көрсө сени сүйөм, сенсиз жашай албайм деп жалган айткан эркектер дагы болот тура, ырас эле Элмарс менен Жоомарттан качып жолобой койгон экенмин, балким алар деле мени алдап, кетет беле, Каниетчи, ал мени сүйүп, чын ниети менен үйлөнгөнү жатабы же менин сезимим менн ойноп сынап жатабы", - деп ойлонуп кабат үйдүн жанына келип токтоп Каниеттин өзүн күтүп турганын көрдү: "Апам келип калган чыгар, ал көрсө эмне дейт", - деп унаасын токтотуп аны карады эле ал көрүп калып жетип келди.

- Эркинай, акыбал кандай? - Бул жолу кыздын жүзүнөн аста сүйүп учурашты.

- Жакшы, бул жерде эмне турасың?

- Сени күтүп.

- Каниет, апам келген, көрсө мени урушат го?

- Эчтеке эмес жакында күйөө баласы болом.

- Каниет, койчу эми, апам урушса ошентип айтмак белем? - деп Эркинай адатынча тултуңдай кетти.

- Койдум-койдум, кана кайда баралы, бир жакка барып отуруп келелиби?

- Жок, апамды жалгыз таштап кеткеним болбойт го? - деп Эркинай Каниеттин көздөрүнө тигиле карады, ал ушул анын өзүнө болгон сезими таза экенин же жасалма экенин көзүнөн билгиси келип турду, - Мен азыр Наргизага барып келдим, ишенсең абдан чарчадым.

- Макул анда Эркинай, сенин көңүлүң келгенде жолугалы, чарчадым дебе, жашоом менин, өмүрүмдүн жарык шамы, - деген Каниет кызды аста өзүнө тарта бооруна кысып жаагынан искегенде кыздын жүрөгү кабынан чыга түрсүлдөп, жигиттин ыссык кучагында термеле, коңур жытына мас болуп башы айлана өзүн араң токтотту.

- Бирөө көрсө уят, - деп өзүнүн боюн тарта берди да жүзүнүн кызарып ысып чыкканын көрсөткүсү келбей ары бурулду, - Жакшы бар Каниет, эл көрбөсүн.

- Макул-макул, сен эмне десең баарына макулмун, иши кылса менин өмүрлүк жарым болуп берсең болду, - Каниет акырын бурулуп унаасына отурганда кыз жылмая кол булгады эле ал дагы колун көтөрүп коюп жөнөй берди. Кыз толкундана жүрөгү элеп-желеп болуп кыңылдап ырдай үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Эшигине жеткенде эле ачык турган каалгадан ичте адамдардын бакылдаган үндөрү угулду, токтой калган кыз туруп калды:

- Буйруса ойдогудай болот, балдар табышып, бири-бирин жактырып калса мындан дагы жакын болуп калабыз, - деген эркектин үнү жаңырды.

- Менин кызым өзү билет дебейм, мен энесимин, айткан сөзүмдү угат, жанагы кызына алы жетпеген аялдардай көрбөгүлө, адегенде бала мага жакса болду, - деп Бурма карс-карс күлдү: "Эмне дейт, менин сыртымдан тон бычып эрге бергени жатабы апам, булар өзү ким", - деп Эркинай жини келе эшикти карс эттире ачып төркү бөлмөгө кирип.

- Апа, бери келиңизчи, жумушум бар.

- Кызым, адегенде коноктор менен учураш, - Бурма жаман абалда калып жанындагыларга карады, - Мына, бул менин кызым.

- Ийи айланайын десе, - деп төрдөгү курсактуу кишинин жанында отурган аял шыпшынып койду.

- Апа, сизде сөзүм бар, - Эркинай кабак чытый ашкана тарапка басып кеткенде Бурма ыңгайсыздана тигилерге карады.

- Силер отура тургула, мен сүйлөшүп келейин.

- Бар-бар, - деди эркеги.

- Эмне болду ботом, элдин көзүнчө уят кылдың го?

- Буларың ким?

- Менин Россияда жүргөндө таанышкан курбум, сени баласына...

- Кереги жок апа, мага күйөө таппай эле коюңуз.

- Эмнеге ботом, колунда бар, жакшы адамдар.

- Кедейби, колунда жок кулбу, мен өзүмө жакканга кетем! - деди да үйдөн чыгып кетип калды. Бурма эмне дээрин билбей саамга турду да өзүнө келип сыр билгизбей конок бөлмөгө кирди.

- Кечирип койгула, кызымдын зарыл иши чыгып калган экен кайра эле кетүүгө туура келди, эмки жаштарды өзүңөр түшүнөсүңөр да, - деп күлгөн болду.

- Эчтеке эмес, бизде деле балдар бар, - деди Бактыбек каткыра, - Бу балдарды барчылыкта өстүрүп, астына машина, үстүнө үй алып берип каалаганын жасап берсең ого бетер кө-өп кетишет, жанагы сындырым нанды үнөмдөп жеп чоңойгон балдарды көрсөң кээде таңгаласың.

- Ооба десең, жайдыр-кыштыр бөтөн жер бөлөк элде ушулардын келечегине кам көрүп тырышып жүргөнүңдү билишпейт, - деди аялы, - Ар күнү көлөкөңдөн коркуп, өз элибизге барганда өлсөк экен деп кудайга жалынганыбызчы?

- Мына-мына ушул үйдү ушул кызга алып бергемин, кечээ күнү германиянын креслосун алып келдим, алдында машинасы бар, иштеткен килейген менчик дүкөнү турат, - деп кошумчалады Бурма, - Жалгыз чоңойттум үчөөнү, эки баламдын өзүнчө үй-жайы бар, машиналары бар, аял алып бердим, эмне армандары бар ыя, аталарын эми таап катташмак болуп жатышкан имиш.

- Сен каттатпай эле койбойсуңбу, жашында таштап кеткен немени, - деп Бактыбектин аялы айтканда күйөөсү тыйды.

- Сен кызык экенсиң байбиче, балдарга ата да керек да, алар өздөрү кааласа тим коюш керек.

- Ошол да, менин колумдан келишинче бактым, атасы керек болсо каттай берсин, тууган-урук дагы керектир... - деп Бурма үшкүрүнүп алды, - Аман болушсунчу деги.

- Оо акылдуу аялсың Бурма, башка аял болсо каттатпай тырыңдап балдарына дагы жаман көрүнмөк, - Бактыбек кубаттап койду.

- Ой Бурма, эмесе биз кетели, көпкө отуруп калдык, - деп Шуркан күйөөсүн карады, - Сенин кете турган оюң барбы деги?

- Кетебиз байбиче, келген ишибиздин аягына чыгарып, качан келээрибизди чечип алалы, - Бактыбек Бурмага кайрылды, - Букеш, сөздү көбөйтпөй ишке өтөлү, кызга сөйкө салганы качан келели анда?

- Жай бар, кыш бар дегендей убакыт көп эмеспи, өзүңөрдүн шартыңарга дагы карагыла, кызды сураганга, кымызды ичкенге бер деген эмеспи, - Бурма тайсалдай жооп берди, ал Эркинайдын түрүнөн чоочуп: "Бирөөнү тапкан го, болбой калса уят болбоюн", - деп калган эле.

- Туура, өзүбүздөн эмеспи, сен дагы кызыксың, Бурма менин кызыма сөйкө сала койгула деп жалдырамак беле? - Шуркан күлүп Бурмага кайрылды, - Андан көрө эртең кызың экөөңөр биздикине конокко келгиле, анан балдардын таанышканына дагы шарт түзүлөт, - деди.

- Ырас айтасың байбиче, биз силерди күтөбүз, - Бактыбек күлүп калды. - Бул эң сонун мүмкүндүк эмеспи.

- Жарайт, чакырган жерден калба, өзүң басып барба дейт эмеспи, чын дилден чакырганда барбасак ымдаганыңарга зар болуп калбайын, - Бурма тамашага чала күлүп аларды узата төмөнкү кабатка түштү, - Жакшы баргыла эми, капа болбой кеткиле.

- Капа болгудай төөнүн башын салат белең, буйруганын жеп ичтик, тамактан дагы теңтуштук кымбат, тамак ызат-сыйдын, урматтын белгиси эмеспи? - деп Шуркан. Коштошуп алар машинага отуруп жүрүп кеткенден кийин гана кайра кирип бөлмөдө аркы-терки басып жүрдү: "Бул кыз соо эмес, жигити бар болсо керек, кандай жердин баласы болду экен, кул болсо да каалаганыма кетем дегенине караганда колунда жок бирөө болсо керек, андай болсо ага тоскоол болушум керек, эч качан өз эркине койбойм, ушунчалык багып-тигип эми өзүн бага албаган бир кемчонтойго кор кылмак белем, сүйүү-мүйүүсү менен куруп калсын", - деп тынчы кетип жатты. Бир кезде Эркинай кирди, аны тосуп алып эле жетелеп ички бөлмөгө кирди.

- Ой кыз, сен качантан бери өзүңдү-өзүң билип калгансың ыя?

- Эмне болду? - Эркинай чоочуп кетти.

- Эмне болду деп коет, мени келген элдин көзүнчө уятка калтырдың, жок дегенде кирип учурашып койбойт белең?

- Апа, келген конок болсо башка, мага жуучу болуп келгендерди уккум да келбейт.

- Сен эмне бирөөнү тапкансыңбы, каяктан экен, ата-энеси ким ыя, ошону билесиңби деги? - Бурма ачууланып сүйлөп жатты.

- Билем, ата-энеси эки жакта, дал өзүмдөй, алдында машинасы бар, Ош, Жалал-Абадга каттайт, - деп Эркинай айтканда Бурма унчукпай калды, - Баса, жердешибиз болот, эмне болбойбу апа?

- Атасы ким деген экен?

- Сурабадым, таксисттердин шефи экен.

- Аа-а, - деди да ойлуу отуруп калды.

- Апа, азыр илгеркидей эмес, ала качып алса эле отуруп калгыдай, ар бир адам өз укугун билүүсү керек, өзүмдүн теңим эмес бирөөнө чыгып алып азапты сизге тарттырып жүрбөйүн, - Эркинай апасынын жанына отуруп башын жөлөп алды.

- Билбейм кызым, сенн келечегиңди гана ойлоп жатпайынбы, - дегенден башка сөз айтпай экөө тең тунжурай отуруп калышты. Бурма кызына баары бир айтып көндүрө албасын түшүндү, сүйүү деген азгырык сезим аны бийлеп алганын жүрөгү туйду: "Бактылуу болсоң болду, өз өлтүрбөйт, жат жалгашпайт, дегендей өз жерибиздин баласы экен", - деп ойлонуп жатты. Эне-бала бири-бирин түшүнгөндөй дилдеринен гана байкап турду. Эртеси Бурма Эркинайды ээрчитип баргысы келбеди, бирок алар кыйышпас теңтуштары болгондуктан:

- Эркин, мени бир курбум конокко чакырды эле, мени алып барып келесиңби? - деди акырын.

- Каякта, алыс турабы?

- Шаардын ичинде, өзүмдүк үйдө.

- Макул, жеткирип коем.

- Мени менен эле келесиң кызым.

- Сиздин жаныңызда отура бермек белем, кызыксыз да апа, - деп Эркинай күлүп калды, - Мен беш жашар болсом да...

- Сен мен үчүн беш жашардай эле сезилесиң да кызым.

- Коюңузчу апа, анда кайра барам, - деди Эркинай, экөө жолго чыгышты, Бактыбектердин үйү жаңыча салынган эки кабат үй, аларды Шуркан тосуп алды.

- Келгиле, келгиле коноктор.

- Келип калдык.

- Саламатсызбы? - Эркинай баш ийкей учурашып койду.

- Айланайын десе, кир-киргиле үйгө.

- Апа, мен кете берейин, - Эркинай аны көргөндө эле кечээги уккан сөздөрүн эстеп көңүлү бузула түштү.

- Кой кокуй, отуруп даам сыз, Бурма экөөбүз канча жылдан бери чет жерлерде жаныбызды оозубузга тиштеп, кара жаныбызды уучтап бири-бирибизге өбөк-жөлөк болуп жүргөнбүз, эми эс алалы деп чал экөөбүз балдарды жиберип карым-катнашыбызды үзбөй катташалы деп силерди чакырып отурабыз, - Эбиреп-жебиреген Шуркан болбой үйгө киргизди, алар келе жатканда ары жактан арыкчырай узун жигит уурдана карап турду. Ал Бактыбектин төртүнчү баласы Искендер эле, өздөрү Искен деп чакырышат. Юридический факультетте окуйт. Бурма менен Эркинайды экинчи кабаттагы чоң залына киргизди, заңгыраган чоң залдын ортосундагы узун үстөлдүн үстү толтура тамак-аш, мөмө-чөмө, таттуунун түрү, чет элдик диван креслолор, отургучтар.

- Келгиле меймандар, - деп Бактыбек кирди.

- Келип калдык, кандай жатасыңар?

- Шүгүрчүлүк Бурмаш, - Бактыбек Эркинайга кайрылды, - Кызым иштериң жакшыбы?

- Рахмат, жакшы эле.

- Мына, көрүп алдың келип-кетип тур.

- Ийи, - деп коюп апасын карады Эркинай, ал кете берейинби деген белгиси болчу, ал байкамаксан болуп койду: "Кыз бала ары кетет, бери кетет, багына келгенин көрөт, кокус мунун баласы жагып калса ажеп эмес, шоопурга караганда юрист болгону жакшы го, өзү деле ойлоноор", - деп ойлонуп жатты ичинен.

- Искенди чакырчы, чай куюп отурсун, - деди Бактыбек атайын.

- Азыр келет, - деди Шуркан. Көп өтпөй эле Искен келип учурашып анан чай куюп отуруп калды, Шуркан ичимдиктин түрүн коюп койгон экен, аңгыча Бактыбектин бир тууган иниси Айтбек менен аялы Жазгүл келип калды, аларды атайын чакырган шекилдүү. Бир-эки чыны чай ичкен соң Эркинай:

- Мен бара берейин апа, кечке маал келип алып кетем, - деди.

- Макул кызым, ишиңден калба.

- Искен Эркинайды чыгарып кел, - деди Шуркан шыпылдай.

- Макул, - Искендер туруп алдыга чыкты.

- Жакшы калыңыздар, - деген Эркинай иймене карай сыртка карай ылдамдай чыкты, Искендер аны узатып баратып:

- Атыңыз ким? - деди.

- Эркинай.

- Эркиндикти сүйгөн кыз окшойсуз?

- Эмнеге? - Эркинай ага көңүл бура карап калды.

- Кээ бир адамдар атына жараша мүнөздөрү болоорун билем.

- Өзүңүзчү?

- Атымды сурайсызбы?

- Атыңызды уктум го, мүнөзүңүздү айтам.

- Өзүмдү сындап көрбөптүрмүн, - Искендер улам чачын сылап коюп жатты.

- Жакшы туруңуз, - Эркинай машинасына жеткенде кылчая карады.

- Жакшы барыңыз, шашканыңызга караганда бирөө күтүп жаткан болсо керек?

- Көзүңүз ачыкпы?

- Кесибим юрист, адамдардын ички оюн сезе билем.

- Ошондойбу? - Кыз машинасына отуруп рулга кол жиберди, - Сиз менен таанышканыма кубанычтуумун, - деди да от алдырды.

- Мен дагы кубанычтамын, жолуңуз болсун.

- Рахмат, - деп күлүмсүрөгөн Эркинай айдап жөнөдү: "Сылаң короз неме окшойт, кайра-кайра эле чачын сылагылайт, юрист болсо эмне экен, кыздар толуп жатпайбы, мындай сырты жалтырактар аялдын кадырына жете албайт", - деген ойдо кетип жатты, ал бүгүн Каниетке жолукмак: "Мен ага баарын айтуум керек, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат болуп апам ала качып кете бергиле деп койсо Каниеттен айрылып калам, турмуштун ачуу-таттуусуна бышкан гана адам-адамды сыйлай алат, бул чычайып юрист болуп турса мени эмеле башкага алмаштыра салат", - деп ойлонуп Каниет экөө жолугууга болжошкон жерге келсе ал эбак келип колуна бажырайган роза гүлүн алып күтүп турган экен. Ал машинасын токтоткондо эле утурлай тосо чыкты:

- Салам кымбатым! - Эңиле калып бетинен өөп алды.

- Салам, - Эркинай албыра күлүмсүрөй карады, - Күтүп калдың го ээ?

- Өмүр бою күткөнгө даярмын, - Гүлдү сунду, - Сага.

- Рахмат, - Кыз жылмая гүлдү жыттап койду.

- Жүрү, бул жакка, - деп Каниет аны колдон ала кафенин ичин көздөй жетелеп кирди, эл аз, бирок абдан салкын, жасалгаланган кафенин төр жагындагы өзүнчө кабинага кирип отураары менен эле баятан буйрутма берилген тамактар менен суусундуктар келе калды, - Баары сен үчүн кымбатым, бүгүн менин туулган күнүм, жакшы күндү өзүң менен гана өткөргүм келди.

- Каниет, мага эмнеге мурдатан айтып койбойт белең, белек ала келмекмин, - деп Эркинай уяла оңтойсуз абалда калганын билдирди.

- Эркинай, мага сен өзүң табылгыс дагы түгөнгүс кымбат белексиң, өмүр бою жаныңда болом деп сөз берсең болду, алды менен тамактаналы, андан кийин сейилге чыгабыз, - деди Каниет кызга салмактуу карап.

- Мени ыңгайсыз абалга калтырганың үчүн жазаңды аласың, - деп Эркинай жылмайганда Каниет анын үстөл үстүндөгү колунан аста кармап:

- Сенин колуңдан жаза алып тозокко салсаң дагы мен макулмун, - деди күлүп. Экөө отуруп тамактанып сүйлөшүп көпкө отурушту, андан соң бак аралай жетелешип баратып отургучка жанаша отуруп бири-биринин демин тыңшагандай үнсүз бир топко тунжурай калышты.

- Каниет.

- Оов.

- Мен бир нерседен корком.

- Эмнеден?

- Апам мага күйөө таап жатат.

- Эмне? - Каякта экен?

- Шаарда, - Кыз унчукпай калды.

- Сага жактыбы анан?

- Жок, мен сенсиз...

- Кымбатым, экөөбүздү эч ким бөлө албайт.

- Билбейм корком, - Кыз жигитинин ийинине башын жөлөп, ал кызды белинен имере өзүнө тартып экөө көпкө кыналыша үнсүз отуруп калышты.

- Эркинай.

- Ийи.

- Эртерээк эле үйлөнүп алалычы.

- Качан?

- Мен өзүм айтам.

- Иши кылса өзүңдөн башканын кереги жок.

- Жаркыным, менин көзүм тирүү турганда сени эч кимге бербеймин.

- Ишенем, мен сеники гана болгум келет.

- Эч кам санаба кымбатым, экөөбүз өмүрлүк бирге болобуз.

- Апама баруум керек, эми мен кетейин, - Эркинай жигитине баш көтөрө карады, - Кана жооп бересиңби?

- Жарайт кымбаттуум, жооп берүүгө туура келет.

- Анда көрүшкөнчө.

- Кездешкенче, - деп Каниет кызды колтуктай туруп машина коюлган орунду көздөй басышты, - Эртең дагы ошол жерден жолугабыз.

- Сүйлөштүк анда, - Эркинай машинага отуруп жөнөй берди. Каниет аны узатып коюп Элдиярга келди, кабагы салыңкы келген баласын көрүп көңүл бура карады.

- Эмне болду, жумушка чыкпапсың го?

- Ата, мен кийинки жумада үйлөнүшүм керек.

- Кимге?

- Бурманын кызына.

- Эмне, жанагы эркек катындын кызынабы?

- Ким болсо ошо болсун, мен кызына үйлөнөм.

- Жарайт, даярдыгыңды көрө бер, - деп коюп Элдияр ары көздөй басты, ал Бурманы таанычу, ал тургай анын чет өлкөлөргө каттап байыганын, айылга заңгырата үй салганын да билчү: "Тим коюу керек, кызын жактырса ала берсин, жардам бергенден башка зыяны тийбейт, жаман эмес", - деген ойго келди, азыркы кездеги адамдын жан дүйнөсүнүн баарын акча, байлык ээлеп алган кезде ал дагы баласынын алдыдагы келечегинен бей кам болууну ойлоду. Арадан он чакты күн өткөндө Каниет аял алып келет дешип камынып калды.

Эркинай үйүнө келип кийимин которунуп алып апасына барды да сырттан эле чакыртты, кызынын кыялын билген Бурма шашыла турду, бир аз кызуу болуп калган:

- Калганы өзүңөрдөн, мен силерге жок дебейм, танбайм-чанбайм, Эркинайды көрдүңөр, - деди чыгып баратып.

- Кудай буйруса бүтүрөбүз, балдардын бактылуу болушу үчүн.

- Болуптур анда, мен кеттим, - деди да дарбазадан чыгып кызынын жанына отурду, - Кеттик кызым, дал убагында келдиң, өзүм дагы кеткени жаттым эле.

- Апа, көңүлдүүсүз го?

- Сыйласа ичпей коюуга болбоду кызым.

- Эчтеке эмес, жөн эле айттым.

- Үйгө барып эс алайын эми, дүкөндү текшерип жатасыңбы?

- Ооба, кечээ эле эсептешип келдим, ар жума сайын продукция жеткирип эсептешип турам.

- Жакшы кылыпсың, акчаңды чогултуп алып качып кете тургандардан эмеспи? - Бурма кызына бурулду.

- Болгон документти менде, кайда бармак эле, - Эркинай эми апасына карай кайра жолго тигилди, - Апа, мен дагы бир дүкөн сатып алайын деп жатам.

- Эң сонун болот балам, анда чоң дүкөн алалы, бир жагы азык-түлүк, бир жагы кийим-кече болсун.

- Давай, мен макулмун, жарнамадан караш керек болбосо өзүбүз жарнама беребиз, - деп Бурма колдору менен жаңсай көрсөтүп жатты экөө антип минткенче үйүнө келип калды. Эне-бала жаңы дүкөндүн көрүнүшүн, көлөмүн кеңешип отуруп кеч жатышты. Эртең менен Бурма эрте туруп жумуштары менен кеткен Эркинай уктап жатса эшиктин коңгуроосу чыр этип калды, уйку сураган кыз көзүн ушалап чыга калса босогодо кучак гүл алып Искендер туруптур.

- Күнүң мээримдүү улансын.

- Рахмат.

- Гүл сизге, - Искендер гүлдү сунду.

- Рахмат, убара болупсуз, - Эркинай жактырбагандай гүлдү алып босогосунун бурчуна таштап койду.

- Сизден мындайды күткөн жок элем, - Искендер нааразы боло карады, - Жаман көрсөңүз да чын пейилден берилген белекти жерге таштоого болбойт го?

- Кечиресиз, көңүлүңүздү ооруткум келген эмес, уйкудан жаңы эле турдум, - деп Эркинай эстеп койду, - Башка жумушуңуз жок беле менде?

- Жумушум жок, бирок бир кезде сиздин жумушуңуз болуп калышы мүмкүн, бул дүйнөдө күтпөгөн окуялар болуп кетет эмеспи, - деди да Искендер шарт бурулуп басып кетти...

Дастан айылда болуп калды, үч уулу бар, Алина жакшы аял, кайын журтун сыйлаган, кайната-кайненесин урматтаган. Эң улуу уулу Руслан алтыга карады, экинчиси Мирлан төрттө, эң кичүүсү эки жашар Аслан. Бактылуу үй-бүлөө, бирок бул бактылуулук эл көзүнчө гана, Алина экөө үйлөнгөндөн тартып жакшы жашай элек, анткени Русландан күмөн санап туруп алды. Чынында Алинанын мурда жигити бар эле, Дастан менен тааныша электе эле таштап койгон, ошол кезде ал боюнда бар экенин билип калып Дастанды кармап калуу үчүн көп аракет кылган эле, ошол күн экөөнүн тең көңүлдөрүнөн чыга элек, Дастан ал күндү эстегенде заманасы куурула түшүп, аз-аздап иче баштаган. Турарбек анын кээде кызымтал болуп келгенин көргөндө жинденип урушуп кирет, бүгүн дагы өтө кызуу келди.

- Ой бала, бу сен ичкиликтен бирдеме таптыңбы ыя? - деди алдынан чыгып, - Эсиң менен болсоң боло, балдарың чоңоюп калды.

- Ээ ата, сен эмнени билесиң, ичим өрттөнүп жатат, - деп Дастан кол шилтей ичкери кирип кетти, анын сөзүн сыртта кир жууп отурган Алина угуп жүрөгү зырп этип алды: "Бекер кылган экенмин, жаңылыштыгымдын азабын өзүм тартып өмүр бою арманым ичимди өрттөп жүрүп өтө турган болдум", - деп зыңгырай кир жууп жаткан сууну телмирип карап отуруп мындан алты жыл мурун болуп өткөн окуяны көз алдына келтирди...

Алина ошол жылы окууга тапшырып өтпөй калып кыздар менен жумушка орношуп иштей баштаган. Туратка ал ошондо жолукту, алар жумуштан чыгып жатакананы көздөй кетип жатканда Турат дагы үч-төрт бала менен келе жаткан, карама каршы келе жатканда ал Алинаны түртүп кетти:

- Көзүңө карабайсыңбы? - деп Алина ага акшыя карап калды.

- Эмне, бир жериң сынып кеттиби? - деди Турат кайрыла.

- Сөзсүз сыныш керек беле, тартипсиз байкуш! - Алина керсейе мурдун чүйрүй курбуларына жете келди, - Шаардыктарга караганда айылдын балдары ыймандуураак, - деп сүйлөнүп жаткан Алинага Салкынай таңгала карады.

- Ага эмне анчалык жиндендиң?

- Ошонуку жакшыбы анан, бир жериң сынган жокпу дейт.

- Көпкөн акылсыз бирөөгө капалануунун кереги канча.

- Кызга ошондой мамиле жасайбы анан?

- Башыңды бир хулиган үчүн оорутпай эле койчу, - деп Салкынай аны колтуктан алып жөнөй бергенде:

- Кыздар кечирип койгула, - деген үн чыкты артынан, алар баятан бери алардын артынан келе жатып сөздөрүн угуп келе жаткан, эки кыз артына бурулуп таңгала туруп калышты, - Түшүнбөстүк менден кетти, силер ойлогондой хулиган деле эмесмпиз, - деди Турат.

- Силер эмне аңдып келдиңерби? - Алина көздөрүн алайтты, - Кандай уятсызсыңар деги?

- Жо-ок, кечирим суроого келдик, - деди жанындагысы.

- А сизге эмне, бирөөңөр үчүн башкаңар жооп бересиңерби?

- Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн деген жигиттербиз, - Анысы керсейе күлүп койду.

- Кыздар кечирдиңерби? - Турат Алинага карады.

- Дайра жок, эмнеден кечиребиз.

- Демек кечириштик, таанышып алалы, менин атым Турат, - деп колун сунду, - Мен университеттин төртүнчү курсунда окуйм.

- А менин атым Эрнис, - деди беркиси, - Экөөбүз бирге окуйбуз.

- Алина.

- Салкынай.

- Эмесе таанышып алдык, чайлашпайлыбы кыздар, айбыбызды моюнга алып сиздерди чайга чакыралы.

- Билбейм, - деп Алина Салкынайга карады эле ал ийин куушуруп койду. Кыздардын ой боюна койбой ашканага ээрчитип кирди. Ошентип таанышып калышты, Турат андан кийин Алинага жолугуп жүрүп акыры жалган сүйүүсүн арнаганга да жетишти, Алина аны чын дилинен сүйүп калды. Бир күнү Турат ага келип:

- Бүгүн менин туулган күнүм, экөөбүз гана болобуз барасыңбы? - деди саамайынан сылап, өзүнө тартып жүзүнөн өөп:

- Турат, мен бара албайм, ашканага барып ошол жерден эле белгилебейлиби?

- Эгерде мени сүйгөнүң чын болсо барасың.

- Турат, кыз бала менен жигит түндөсү...

- Сен мага ишенбейт экенсиң да, кантип сага жамандык кааламак элем, отурабыз сүйлөшүп, каалоо айтасың, шамды жагып алып келечегибиз үчүн тилек кылабыз, - деп кызды дагы өөп койду.

- Мм, мен макулмун, бир шарт менен.

- Кандай шарт?

- Сен мага жакындабайсың.

- Жарайт, кашымда болсоң эле болду.

- Сүйлөштүк, - деп Алина күлүп жатаканага кирип кетти, кеч киришин күтүп кийим тандап, улам бир көйнөгүн кийип күзгүгө каранып, чачын бир түйүп, кайра жазып убараланып жатып убакыт жеткенде келген Турат менен ээрчише жөнөп кетти, Турат бир бөлмөгө үстөл даярдап шамдарды коюп коюптур. Мөмө жемиштер менен салат, торт менен ар кандай тамак аш толуп турат.

- Туулган күнүң менен! - деди Алина бөлмөгө кирген соң, алып алган белегин колуна берип.

- Ошол элеби? - деп Турат ага сырдуу жылмайып.

- Анан эмне... Белегим жакпай калдыбы? - Элээ карады Алина.

- Алина, мага сенин белегиң эмес... Эмне десем? - деп Турат ойлонуп туруп сөөмөйү менен бетин сайды, - Бул жерден бир эле өөп койсоң болду.

- Эмне? - Алина эмне кылаарын билбей калды.

- Бир жылда бир төрөлөт экенмин, а менин сүйгөнүм жадагалса өөп койгусу келбейт, - Турат таарына түштү, - Балким эмдиги жылы өппөсөң да өбөсүң.

- Эмнеге?

- Анткени мен сага үйлөнөм, ошондо өптүрбөй коем.

- Турат, тамашаңды койчу.

- Эмнеси тамаша, ырас эле сага жакында үйлөнөм, сен менин сүйүүмө ишенбейсиң, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйгөмүн, - деп ыйлагандай ары бурулду.

- Турат, мени кечирчи, - деп Алина аны артынан барып кучактап калганда ал бери карап кучакташып калышты, - Кечир мени, мен түшүнбөй калдым, - деп Тураттын эки бетинен өөп-өөп алды, - Мен дагы сени чын жүрөгүм менен сүйөм, туулган күнүң менен! - деп кыз жүрөгү чымчык сымал дирилдеп жигиттин жалган сүйүүсүнө арбалып, ишенимден өзүн жоготуп жигиттин кучагында эт жүрөгү туйлап турду, - Мен дагы сени сүйөм!

- Алтыным, сен асмандагы айды алып бер десең дагы даярмын.

- Кереги жок, сен мага жөн гана жүрөгүңдөн орун бер, сүйүүмө сүйүү менен жооп бер, ошол гана керек, - Алсыз кыз алсырай үн катты.

- Албетте, менин сүйүүм сен үчүн чексиз, бүт өмүрүм сендик, - Экөө бир топко кучакташып турушту, - Эмесе чайга карайлы жаным, - деп кызды кучагынан чыгарып колунан жетелеп келип стулга отургузду да өзү шамдарды күйгүздү, чынында Тураттын туулган күнү деле эмес болчу, ал дайыма кыздарды тузакка түшүрөөрдө гана туула коймой адаты бар.

- Турат, али караңгы түшө элек го, шамды күйгүзбөй эле койчу.

- Эмнеге, бул биздин келечек үчүн керек, шамдын күйүп турганы эң жакшы эмеспи, биз бактылуу болобуз жаным, - Турат күлүп Алинанын маңдайына келип отуруп суусундук менен винодон куйду.

- Турат, мен вино ичпейм.

- Эмнеге, менин туулган күнүмдө бир аз татып кой.

- Болбойт го, кыз кишинин ичимдик ичкени.

- Сенин тагдырың менин колумда, тапшырып кое берсеңчи, акыры сен меники болосуң да жаным.

- Кой Турат, андай дебечи, сага тагдырымды да, өзүмдү да тапшыраар күн өзү келет, ошондо мен сендик болом.

- Макул-макул, тамашалап жатам, - Турат кызга байкатпай суусундукка уйкунун дарысынан кошуп койду. Бир аз тамактангандан кийин эле Алина көзүнө алы жетпей: "Мен эмне болуп турам, бир аз чыдабай уктап калсам Турат эмне дейт, түнү менен отурабыз дебеди беле", - деп ойлонгуча, - Алина, сага эмне болду? - деди.

- Эч нерсе, - деп оозун ача эстеп алды.

- Кеч эми кирди, эрте уктайт окшойсуңар?

- Жок-жок, убактысында эле уктайбыз.

- Мейли анда, кел эми, жок дегенде соктон алып отур, - деп сок куюлган вокалды ага сунмак болгондо Алина шылкыя стулга жөлөнүп уктап калган: "Ал-акыбалың ушул, анан боюңду көтөрөсүң, сендейдин далайын көргөмүн", - деп спальныйга көтөрүп барып жаткырды эле сезбеди... Эртең менен ооруксунуп турду, бирок кийими кийилген бойдон эле жаткан экен: "Мага эмне болгон, мындай болчу эмес элем, эмнеге ооруп турам", - деп башын көтөрө эки жакты караса эч ким жок, ордунан туруп жатканда бели зыркырай үч кошкону ооруп кетип: "Кудай ай, мен эмне болуп турам, Турат мени...", - деп ой кеткенде заманасы куурулуп көзүнүн жашы куюлуп кетти ошол кезде Турат кирди:

- Оо, менин ханышам, ойгондуңбу алтышка?

- Бас үнүңдү бетбак, мени сен булгадыңбы?

- Эмне, мен сага сөз бербедим беле? - деп Турат билмексен боло карады, - Эмне болду сага Алина?

- Жүзүкара! - Алина туруп барып Туратты жаакка бир чапты, - Убалым жетсин! - деп жүгүрүп чыкмак болду, - Сени сотко берем?

- Алина, мен сага үйлөнөм, эмне дээр экен десе катуу кеттиң да, - деп кармап калды, - Ишен мага, мен сага үйлөнөм, болгону мага убакыт бер, атамдын аброюн түшүрүп милицияга бербе!

- Жүзү кара, сенин атаңдын аброюнан менин абийирим өйдөрөөк, сен ушинтип көрүнгөн кызды алдап көнгөн экенсиң!

- Алина, алтыным менин, каалайсыңбы бүгүн эле алып кетейин, - деп кызды кучактап өпкүлөп жатып жибитип алды, - Эч кабатыр болбо, атама айтам дагы алып кетем, көрөсүң го мен сени алып кетем.

- Көрөм, сенин мени атайылап уктатканыңды эми билдим, арам оюң менен мени жер караткың келсе мен сенден өч алам, - деп Алина ыйлап жатып соолуктап отуруп калды. Ошондон кийин Туратты күтө берип тажаганда баягы үйгө келди, эшик ачык экен, кирип эки жакты карап илинип турган Тураттын костюмунун чөнтөгүнөн көрүнүп турган паспортту көрүп акырын басып барып карап эси ооп калды, көрсө анын туулган күнү июль айы эмес эле октябрь айы экен: "Шүмшүк, дегенине жетти, эгерде үйлөнбөй турган болсо сөзсүз сотко беремин", - деп ойлонуп турганда Турат душтан чыгып келди:

- Алина сенсиңби?

- Ооба, менмин, кылаар ишти кылып коюп көргүң кебей калдыбы?

- Эмне деп жатасың, окуудан колум бошобой калды, жөн эле капалана бересиңби? - деп жагалдана калды, - Отур, отурсаң сүйлөшөлү, - деп кызды карыдан ала диванга отургузганда кыз дагы алсыздык кылды, ага дагы ишенди, өз сезимине алданды, жигиттин сөздөрүнө муюй түшүп унчукпай калды. Турат кызды арбай үстөл үстүн толтуруп заматта анын көңүлүн көтөрүп койду. Бул жолу дагы аны менен бирге болду, таттуу сөздөрүнө алданып кайра тартты. Андан кийин көзүнө көрүнбөдү, издеп барса ал бир бөлмө үйүн сатып ийиптир, университетке барды эле аерден эки-үч кыз менен сүйлөштү.

- Сен издеген Турат дегенди билбейт экенбиз, - деди бири.

- Турат Кабылов, атасы депутат экен го?

- Ой, бир депутаттын баласы окуйт анын аты Мелис.

- Ал башка болсо керек.

- Токто-токто, - деди бири, - Ошол Мелис болуп жүрбөсүн ыя?

- Чын эле... - Эки кыз бири-бирин карап туруп анан Алинага кайрылды, - Сен кокусунан эле алданып калган эмессиңби? - деп суроолуу карап калды.

- Андай эмес, жөн гана жумушум бар эле...

- Анда сен издеген... - Бир кыз ары жакта карап үнсүз эле колун ошол жакка булгалады, - Тээ тигил эмеспи ыя?

- Кайсы? - деп бурула берген Алина жооп бербей эле ал жакка жүгүрүп жөнөдү, - Тура-ат, токто Турат! - деп ал жеткенче эле машина зуу этип өтүп кетти, - Тура-ат! - деген бойдон Алина кала берди.

- Бул шумпайдын кылбаганы барбы? - деди жете келген кыздардын бири, - Менин атым Зарима, а бул Сайха, - Зарима күлүп койду, - Билесиңби индиянын сулуу кыздарынын атынан койгон экен атасы, - Зарима Алинага шыңк этип күлүп, - Анын аты Турат эмес, Мелис, мындай айтканда аттары көп, Алик же Толик, Маха деп ар кандай угабыз, - деди.

- Макул кыздар, силерге рахмат, мен кетейин, - деген Алина ызасынан ыйлап ийе жаздап зорго карманып басып кетти. Ошондон кийин эч ким менен сүйлөшпөй оруп жатам деп жатып алып жаман болуп чөгүп кетти. Жанындагы чогуу жашаган Айдай?

- Сага бирдеме болгон, айтчы деги, ооруп калдыңбы? - деди.

- Айдай, мени жайыма койчу кудай жалгагыр.

- Сен ушинтип жатып өлүп калсаң эмне болот ыя, болбосо ата-энеңе бар, - деп Айдай кабатырланып жатканда капысынан окшуп сыртка жүгүрүп чыкты, көпкө чейин кусуп алы кетип кайра кирип жатып алды, Айдай аны дароо сезди, бирок унчуккан жок. Эки-үч күндөн кийин врачка барды эле үч-төрт жумалык боюнда бар экенин айтты эле үнсүз гана көз жашын көлдөтүп чыгып кетти.

- Ай-ай жаштар ай, - деген врач башын чайкап кала берди. Алина дагы бир жумадай жатып өзүнө келип жумушка чыкты, акча чогултуп баласын алдырмак болду. Ал ошентип жүргөндө Дастан менен жолугушуп калды. Ошондо кыздар менен отуруп, биринин туулган күнүнө шылтоо кылып шараптан ичип отуруп баары кызып калганда ырдашты, андан соң кантип жатып калгандарын билбей калышты. Эртең менен Алина көз жашын көлдөтө:

- Сенин бул кылганыңды көргөндөр эмне дейт, сен менин абийиримди булгадың! - деп ургулап жатты.

- Алина, мени кечирчи, кызып калыптырмын, - Дастан башын чеңгээлдей отуруп кечиримди кайра-кайра сурап жатты, - Коркпо, мен сага үйлөнөм, сөзсүз үйлөнөм.

- Калп, бир-эки жолуккан эле кызга ким үйлөнөт, сен алдамчысың! - Алина эптеп жүзүн агартыш үчүн жалаа жапты, арадан бир ай өткөндөн кийин Дастанга боюнда бар экенин айтканда күнөөлүүдөй башын жерге салып:

- Мен окуумду бүткөнчө чыдай тур, - деди.

- Ичим чоңоюп кетсечи, бул күтүп турбайт да! - деп ичин көрсөтө бакырды.

- Чыдай тур эми, беш-алты ай...

- Ичимди бөрсөйтүп алып барамбы?

- Мен өзүм түшүндүрөм, сен кабатыр болбо, - деп жоошутуп анан кетти, Алинаны көргөн Айдай.

- Операцияң кандай бүттү? - деди жылмая.

- Сен эмне мени шылдыңдап турасыңбы?

- Эми сүйлөсө да шылдың кылган болобу, иши кылса экөөбүздүн планыбыз ишке ашып ишиң оңунда болсо болду да.

- Буйруса Дастан кайрымакка өзү эле илинди, - деп Алина Айдайга карап жылмайганда:

- Молоде-ец! - деди Айдай колун көтөрө, экөө алакандарын чаап каткырып калышты.

- Алина! - деген үндөн кир жууп жатып ойго чөмүлүп кеткен Алина чоочуй эсине келди, үйдөн Дастан кыйкырып жаткан эле, - Алина дейм!

- Азыр, баратам азыр, - деп жүгүрүп кирип барды, - Эмне болду?

- Ат-таңдын башы-шы, жанагы арам сийдик балаң кайда жүрөт?

- Дастан, антип айтпачы, - Алина ыйлап эшикке чыгып кетти.

- Асланды карабайбы ыя, ал арамды мен ушуларды багат деп багып жүрөм! - деп ачуулуна бакырып жатканда атасы Турарбек кирип келди.

- Ок ат-та-аңдын оозу-угурайын, ал эмне деген сөзүң ыя?

- Ата, кийлигишпеңизчи, - Дастан колун шилтей ары барып отуруп алды.

- Мен сага тандап берген эмесмин, өзүң алып келгенсиң, ал дагы бирөөнүн баласы, эмнеге кордоп жатасың? - деп урушуп кирди, Дастан үн дей албады, Алина Русланды таап кийинтти да өзү кийимдерин алып үйдөн чыкмак болгондо Салима аны кармап калды:

- Кой ботом, эр болгондон кийин андай-мындай болот, урушуп-талашат, сөгүп-сөздөйт айланайын, ичип алган тура, соосунда эчтеке дей албай калат.

- Апа, качанкыга чыдайм, андан көрө баламды алып кете берейин, Мирлан менен Асланды таштайм, - деп Алина ыйлап жатты, - Русланды арам сийдик дедирбей алып кетейин.

- Бок жебейби, алдыңа кетейин десе, өзүмдүн эле неберем, келе гой садага, апаңдын ачуусу тараганча сен барып ойной бер, - деп Салима Русланды эки бетинен өөп ары карай басып кетти.

- Чоң эне.

- Оов садага.

- Эмнеге атам мени арам сийдик дей берет?

- Ага көңүл бурба каралдым, атаң мас болуп алса сүйлөй берет да, мас болгондо ошентип келжирей берет, - деп Русланды алаксытып ары жакка жөнөтүп ийди. Алина унчукпай отуруп калды, Дастан ички бөлмөдө өзүнчө сары санаада, ал ичкенден мурун дагы ушул баланы көргөндө өзүн кармай албай калчу болду, көзүн жумса дагы көзүнө башкача көрүнөт: "Кандай кылсам экен, Алинанын дагы жүрөгүн оорутуп бүттүм, кой бул баланы көзүм көрбөсүн үчүн эки баламды алып шаарга кетип калайын, антпесем болбойт, өзүм дагы адам катарынан чыгып калам", - деп ойлонуп отуруп анан соолуга сыртка чыкты, Алина ыйлап отурган, алдында уулу Аслан бар, ал быйтыйган колдору менен апасынын көз жашын аарчып жатат. Дастан акырын басып келди:

- Алина, мени кечир...

- Эмнеңди кечирем, бүгүн кечирсем эртең кайра башталат.

- Мен өз оюмду айтайын, угуп турчу.

- Дагы эмнени ойлонуп таптың?

- Шаарга бөлүнүп кетпейлиби?

- Эмнеге?

- Русланды атамдарга таштап, Мирлан менен Асланды алып кетебиз, - деди эле Алинанын жүрөгү канжарды матырып алгандай зыр-зыр этип сайгылаша түштү, - Сен кандай деп ойлойсуң?

- Билбейм, азыр менин өз башым өзүмдүкү эместей болуп турат, - деп Алина туруп кетти, бирок үй-бүлөөнү сактап калышы үчүн ошондой кылганы дурус болчудай экенине өзү дагы күмөн кылган жок: "Ата-энеси эмне дейт, карыган кемпир-чалды таштап кетип калды деп ойлошпойбу", - деген ойдо болду. Дастан ата-энесин көндүрдү да эки баласын алып, Русланды таштап кетишти. Дастан өзү ойлогондой эле шаарга келгенден кийин өзгөрдү, иштеп үй-бүлөөсүнө карамдуу болуп калды. Шахзатка жолугуп аны менен жолугуп Айбекти, дагы башка курсташтарын кеп кылып отурушту...

Айбек бул кезде Россияда жүргөн, аялы менен балдары калып өзү иштеп жүрүп шумдук окуягы туш болду. Ошол кезде Москвада "такырбаш" деген адам өлтүргүчтөр чыгып турган, кечке соода кылып ошол күнү кеч кайткан эле, батирге келе жатып: "Карынды кампайтып алайын, тигилер менен кайсы тамак аш болмок эле", - деп кафеге кирип жалгыз отуруп калды. Анткени ал жашаган батирде ондон ашык адам жашачу, бири-бирине жармашып тыгылышып зорго түнөшөт, андан башка аргалары жок, батир деген кымбат, тапкан акчалары өз-өзүнчө батир жалдаганга жетпейт.

- Сизге эмне керек? - деп узун бойлуу кыз келип сурап калды.

- Тамак алып келиңизчи, кандай болсо да.

- Жарайт, - деп койкойгон орус кыз ары кетти, Айбек кенен отуруп тамактанып бүткөнчө түн кирип кетти. Ордунан туруп сыртка чыгып кышкы суукка жүзүн чымырата батирин көздөй кетип бараткан, алды жактан жоон топ караан көрүнгөндө жол боюндагы дарактын далдоосуна жашына калды эле алардын алдынан чыккан адамды чаңыртып эле кармап калышты. Айбек аларды алыстан карап турду, аял киши болсо керек орусча жан соогалап бакырып киргенде үнүн басып койду окшойт, акырындап барып угулбай калды. Жүрөгү түшүп демин ичине катып алар кеткенче туруп эптеп элеңдей жөнөдү. Батирине жетип өзүнө-өзү ишенбей жатты, эртеси товарын эртелеп сатып кеткени жатса жанаша соода жасаган аял:

- Сен уктуңбу, түндө бир кыргыз аялды такырбаштар өлтүрүп кетиптир, - деди.

- Жаман болгон экен.

- Болгондо дагы кескилеп өлтүргөн имиш.

- Өкүнүчтүү, өз өлкөбүздө ылайыктуу жумуш болсо сен экөөбүз деле минтип жүрбөйт элек го? - Айбек аны карабай ушинтти да товарын жыйып камерага койбой такси чакырып батирине алып кетти да эртеси Кыргызстанга билет алып кийинки күнү жөнөп кетти: "Бөтөн элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол деген ырас тура, кайдагы бир такырбаштын колунан өлгөнчө өз ажалымдан, үй-бүлөөмдүн маңдайында өлгөнүм артык", - деп жолдо келе жатып оор күрсүнүп алды. Айбектин Россияга кеткенине эки жылдай болгон, үйүнө жакшы эле акча жөнөтүп турду, жанында беш миң доллар менен келе жатып, үй-бүлөөсүн кубантмак болуп Бишкекке келгенде кийим-кече алып, таттууларды жүктөп такси менен жөнөдү, ал оюнда аялын кубантып кирип келмек, бирок ал ойлогондой болгон жок, аялы Жыпар үч келин, үч эркек болуп чардап отурушкан.

- Ай Жыпар, Айбек ошол жакта жөн эле жүрөт дейсиңби? - деди курбусу Сүйүн.

- Билбейм, үч балам турбайбы, күтпөгөндө эмне кылат элем?

- Жашыңды өткөрүп ийип өкүнүп калба, - деди Жалил деген жаңы таанышкан адам, - Мына, көзүңдүн агы менен тең айланып, кулуң болууга даяр болуп мен турам го?

- Дагы күтөйүн, иштеп акча жөнөтүп жатат, аны күнөөлөй албайм, - деп жер караган Жыпардын жанына кичүү уулуу Нурдөөлөт келип:

- Апа, нан жейм, - деп эркелей кетти эле Жалил ага:

- Бар жатып укта! - деди орой.

- Койчу, балам ансыз деле атасын сагынып зорго жүрөт, - Жыпар уулун өөп колуна нан карматты, - Барып Бакдөөлөт акеңе айтчы, өзүңөр чай кайнатып ичкиле ээ?

- Макул, - деп Нурдөөлөт жүгүрүп кетти.

- Баланы өтө эле эркелеткен болбойт, - деп сүйүңкүрөбөй Жалил айтканда Сүйүн аны карай башын чайкап Жыпарга билдирбей көзүн кысып койду.

- Жалил, сен ушул кезге чейин балалуу болбогонго баланын сырын билбейсиң, эненин жүрөгү бала үчүн гана жаралганын сен кайдан билет элең?

- Жо-жок, мен Жыпарды капа кылгым келген деле жок, болгону тарбиялуу болсун дегеним...

- Кой, башканы коюп Манасты айт дегендей мындан алып коелу, - деп Сүйүн стакандарга арактан куюп узатты, - Көңүл ачып отурганга не жетсин, бир күнү жарык, миң күнү караңгы бул дүйнөдө колдон келсе ойноп-күлүп алганга не жетсин!

- Ооба-ооба, Сүйүн туура айтат, - деп Эржан аны коштоду.

- Менин сулуум унчукпай эле калды да, - деп Кылыч Турсунду далыга таптай күлдү, - Мен ушу бүгүн өзүмдүн сулуумдун коңгуроодой үнүн уккум келип жатат. Баары каткырып күлүп калышты, бир аздан соң ырдап бийлегенге өтүп мас болуп калганда эки-экиден жатып калышты. Түн бир оокумда үй-бүлөөсү көздөн учуп, учуп жетчүдөй болгон Айбек такси менен келип токтогондо үйдүн жарыгы күйүп турган эле, балдары бүжүйүп өздөрүнчө бир бөлмөдө уктап жаткан. Айбек эшикти түртсө ачылып кетти, кире бергенде эле арактын жыты бур дей түштү: "Эмне болгон, Жыпар кайда кеткен, балдарым эмне болду, үйдө алар жокпу, башка бирөөнү киргизип коюп бир жакка кеткенби", - деп адегенде өздөрү жатчу бөлмөнү караса үч баласы төшөк салынбай үч жерде томурайып жатыптыр, жетип эле аларды бирден ойготуп кучактап өпкүлөп калды:

- Алтындарым, силерди көрбөй каламбы деп алыстан келдим, эмне болгон силерге, апаңар каякка кеткен? - деп алып келгендерин чачып момпосуйларын берип калдастап жатып сурады.

- Апам тигил үйдө, - деди улуураагы Бакдөөлөт, - Уктап жатат, ата эми кетпечи.

- Силерге карабай аякта эмне жатат? - деп алып дароо эле оюна бир нерсе келе нес болгондой туруп калды: "Оо кудай, мага сабыр бере көр, эңсеп келген өз журтумдан жамандыкка кабылбайын, ата-энем тирүү болгондо мындай болбойт эле го, балдарым кашымда аман турганына шүгүр", - деп ойлонду да балдарынын кардын тойгузуп, кийимдерин кийгизип анан төшөк салып бооруна кысып жатып алды: "Кокус бир көзүмө көрүнсө өлтүрүп коем", - деп баарын түшүнүп турса дагы унчукпай уктамак болду. Ал үйдө Жыпардын жалгыз эмес экенин сезди, арактын жытынан, балдары каралбай калганынан эле билсе болот да акыл сезими бар адам. Бирок Айбек ачуусун ичине катып тилин тишине катып ойлонуп жүрөгү сыздап уктап кетти. Эртеси балдарынын ойноп, кийимдерин бири-бирине көрсөтүп, таттууларды чурулдап жеп жатканда көзүн ачты. Күн көтөрүлүп калган экен. Бул кезде Жыпар балдарынан кабар албай эле тигилери менен ээрчише баш жазганы кетип калган. Төркү бөлмөгө кирип алардын отурган жерин көрдү, беш-алты бөтөлкө кулап жатат, табакта жеген закускаларынын калдыктары менен каткан нандар: "Бул болбой калган экен, эми мен жашай албайм, балдарымды дагы көрсөтпөйм, жеңилдигинен ушуга барды, мен талаада жүрүп дагы балдар менен кыйналып жүрөт деп аяп жүрсө кылганы бул", - деди да балдарынын кардын тойгузуп, мотурайта кийинтип алып үйүн кулпулап эжесинин үйүнө бармак болуп чыкканда беш-алтоо болуп дарбазадан кирип келе жатып эле Жыпар Айбекти көрүп:

- Айбек! - деп көздөрү чакчая түштү.

- Апа-а, атам келди, каячы мага муну алып келди! - деп Нурдөөлөт ага жүгүрүп барды, Жыпар эчтеке дей албай калтырап калды, жанындагылар жылып-жылып чыгып кетишти.

- Айбек, качан келдиң? - деди көптөн кийин Жыпар.

- Сен кимсиң, мен тааныбайт экенмин, жүргүлө балдарым кеттик, - деди да Айбек үчөөнү ээрчитип чыгып кетти.

- Айбек, мени кечир, балдарымдан ажыратпа.

- Сен балдарым деген сөздөн айлан, эне болууга укугуң жок! - деди Айбек дарбазадан чыгып кайрылып карап, - Кана, эшикке чык, мен кулпу салам.

- Айбек кечир мени.

- Кайсы бетиң менен сүйлөп жатасың, сенин ордуңда башка бирөө болсо өлүп калмак! - дегенде Жыпар ыйлаган бойдон чыгып баратты, Айбек дарбазасын кулпулады да балдарын ээрчитип жөнөгөндө Бакдөөлөт артына кылчайып:

- Ата, апамды ала кетпейлиби? - деди.

- Апаң барбайт уулум, жүргүлө кеттик.

- Ата, апамды алып кетеличи, - Нурдөөлөт дагы токтоп калды, аларга кошулуп Байдөөлөт:

- Апам деле биз менен барсынчы ата, - деди.

- Анда силер апаңар менен калгыла, мен кетем, - деп Айбек айтканда үчөө тең атасынын колунан кармай калышты:

- Жок, сени менен кетебиз.

- Калбайм ата.

- Сиз деле кетпей койбойсузбу ата, - деди Бакдөөлөт чоңое түшкөнгө түшүнүп калгандай, - Апам эми ичпейт, эч кимди үйгө киргизбейт, ыйлаган бойдон Жыпарга барып жулкулдатты, - Апа айтчы, эми эч качан ичпейсиңби, башкаларды үйгө алып келбейсиңби, атамдан кечирим сурачы апа?!

- Уулум мени кечир, силер атаңар менен бара бергиле, мен кийин барам, - деди Жыпар көз жашын аарчып уулун бетинен өөп, - Мен атаңа ылайык эмесмин, жаңылдым уулум.

- Ата, апамды кечиресизби?

- Уулум, жүрү кетели, убакыт аз, - деп Айбек айтканда Бакдөөлөт шолоктоп ыйлап, улам мурдун шор-шор тартып атасынын артынан жөнөдү. Жети жашта болсо да апасынын жаңылыштыгын сезди, атасы аны кечире албасын түшүнүп ыйлап кетип жатты. Айбек бир тууган эжесиникине, агасы менен инисиникине барып учурашты да аларга бир ооз эчтеке айтпай шаарга кете берди. Бир жумадан кийин ал Жыпардын муунуп өлгөнүн укту, бирок барган жок, издеп жүрүп үй сатып алды да үч баласы менен жашап жатты. Тагдыр деген адам баласын кандай калчаса да пенде чыдабаска аргасы жок, эптеп там салып иштеп жүргөндө ортончусу Нурдөөлөт ойноп жүрүп бутун сындырып алып аны карап калды. Үйүндө эки баласына бир барып тамак-аш жеткирип, кайра Нурдөөлөттү карап акчадан кыйналып турганда колу сынган баланы алып ыйлап-сыктаган бир келин келди, беш жашар баласынын колу чорт сынып гипстетип келген экен, Нурдөөлөттүн жанына жаткырып койду. Бул Алина болчу, Нурдөөлөт бул кезде дурусураак болуп калып Айбек бир туугандарына акча алып келгени эки баласын ээрчитип алып кеткен эле. Иниси Каныбек экөө келгенде Алина сыртка жеңеси менен чыгып кеткен эле, уулун көрүп көңүлү тына тамактандырып жатканда:

- Ата, Асланды карачы, колун сындырып алыптыр, - деди.

- Тентексиңер да, абайлабай минтип сенин бутуң сынды, - деп Айбек күлүп калды, ошол убакта сестра кирип укол сайып жатканда:

- Сестра, уулум тентектик кылбадыбы? - деди Айбек.

- Уулуңуз абдан тентек, минте берсе уколду көп саям, - деди сестра жылмая, - Эми өзү жата берсе болот, тамакты өзү ичет, сиз келип-кетип турасыз.

- Ошондой болсо жакшы болот эле, мен иштешим керек, сизге рахмат Гуля.

- Эч нерсе эмес, биздин милдетибиз.

- Ошентсе да...

- Ата, Гуля эже мага тамакты өзү ичирбедиби, - Нурдөөлөт эдиреңдей карады.

- Тынч жат, бутуңа күч келет, - деп Гуля чыгып кетти.

- Уулум, мен акеңди чыгарып коюп кайра келем, - Айбек Каныбекти ээрчитип чыгып баратканда Алина алдынан чыкты, бирок аны бир жерден көргөндөй жалт карап алып чыгып кетти. Экөө тең өзгөрүп, арадан өткөн жылдар аларды бири-бирин таанылгыстай кылган эле, Айбек өзүнчө: "Мен бул аялды кайдан көрдүм эле, жүзү жылуу учурайт", - деген ойдо баратты. Алина дагы: "Кайдан көрдүм эле, бирөөгө окшоштуруп жатамбы", - деп ойлонуп палатага кирди. Айбек ооруканадан чыгып ары бурулаары менен Дастан келди, алар кайчы өтүп кетишти. Ошентип Айбектин турмушунда улам бир кокустук болуп абдан кыйналды, Нурдөөлөт таяк менен басып калган, Айбек жумушта болчу, Бакдөөлөт экөөнө түшкүгө чай коюп кайра чыкканча Байдөөлөт коңшунун баласы менен мушташып кетип катуу жыгылган экен башынан тийип каракушу канжалап жатып калыптыр. Балдар тегеректеп калыптыр:

- Байдөөлөт, Байдөөлөт! - деп бири аны тарткылап жатканда аны көрүп Бакдөөлөт жетип келди:

- Эмне болду, Байдөөлөт көзүңдү ач, Байдөөлөт! - деп ыйлап башын өйдө кылганда колдору кан болуп калды, коркуп кеткен Бакдөөлөт бакырып ийди, - Жардам бергилечи, жарда-ам, жардамга-а! - Ошол убакта жолдон өтүп бараткан адам жетип келип дароо машинасына салды да ооруканага жеткирди. Эсине келгенде врачтар башын таңып керебетке жаткырып койгон, Бакдөөлөт жанында болчу:

- Мага эмне болду? - деди көзүн ачып эле.

- Сен жыгылып кетиптирсиң го?

- Ии-ий башым, - деп калганда Бакдөөлөт сестраны чакырып келди.

- Башыңды өйдө көтөрбө, тынч жат, - деди сестра ага. Кечинде үйүнө келип балдарын таппай калган Айбек коңшусунукуна кирди эле алар болгонун айтты, шашылган Айбек ооруканага келди. Ошондо ал уулунун аман-эсен экенин көрүп ичинен кудайга миң мертебе ыраазылык айтып: "Мен күнөөлүүмүнбү, бул азаптарды эмне үчүн жаратканым мага берип жатат, оо кудайым же бул сынооңбу, мен эмне Жыпарды кечирип, эчтеке билбегендей көз жумуп коюшум керек беле, кантип жараткан өзүң айтчы, мени эркек кылып жараттың, дагы сенин алдыңда кулуң экенимди, сага баш ийээримди, сенден башка улуу эч нерсе жок экенин билип туруп ачуумду басып кол тийгизгеним жок, мен ага зыян кылбадым, ал өзүн-өзү жазалады", - деп тунжурай отуруп калды. Уулун урушпады, эчтеке дебеди. Үч күн жанында жылбай отурду, Нурдөөлөттүн акыбалын оорукананын телефону аркылуу врачтан угуп жатты, ага Гуля карап турду. Аны чыгараар күнү Бакдөөлөтүн ээрчитип алып ооруканага келсе Алина ошол жерде экен, бири-бирин жал-жал карап коюп врачтын текшерүүсүнөн Нурдөөлөт чыкканча Айбек:

- Сизди бир жерден көргөндөй болуп турам, - деди.

- Кызык, мен дагы сизди тааныгандай болуп жатам.

- Сиз... сиз Алина эмессизби? - Айбек сөөмөйү менен көрсөтө карады, - Биз бири-бирибизди тааныбай калганбыз го?

- Ооба-ооба, сиз Айбексиз! - деп Алина күлө караганда босогодон Дастан кирип келе жатты, - Арадан алты-жети жыл өтпөдүбү, анын үстүнө бир-эки эле жолу көрүшкөнбүз.

- Кандай жакшы жүрөсүңөрбү?

- Кудайга шүгүр.

- Бала кандай жакшыбы? - Дастан Айбектин артынан келе жатып Алинадан сурады, - Качан чыгарат экен? - дегенде тааныш үндү уккан Айбек бурула берип аны көрдү да делдээ карап калды:

- Бала жакшы эле, эки-үч күндөн кийин жооп берет го?

- Дастан! - Айбек ага карай үн катты.

- Айбек, сен кайдан досум? - Экөө кучакташып калды, Алина экөөнү жылмая карап туруп, бир кезде жалгыз эле Дастанда эмес ошондой болгон төрт жигитти бирдей алдап өз абийирин жапканын эстеп кудайга жалынып ийди ичинен. Айбек уулун ээрчите сыртка чыкканда Дастан аны кошо узата чыгып:

- Мен силерди жеткирип коемун, - деди.

- Убара болбо досум.

- Андай болбойт, сени ушунча жылдан кийин зорго көрүп жатсам, кантип таксиде жөнөтөм, же аяшты кызганып, үйүңдү көрсөткүң келбей турабы? - деп Дастан күлүп аны далыга таптады, - Кеттик!

- Болду-болду, сөз жок, - Айбек Бакдөөлөт менен Нурдөөлөттү артына отургузуп өзү Дастандын жанына отурду, - Кеттик эмесе.

- Аяш келген жок беле?

- Аяшың жок дос...

- Эмнеге? - деп алып кайра жолду карап ойлонуп калды, алар эки бөлмө времянкага келгенде Дастан: "Аяш жок окшойт, эмне болду экен, кой өзү айтмайынча жарасын козгобой эле коеюн", - деп ойлоду. Айланасы тосулбаган, жаңы бүткөн времянканы болгон акчасына сатып алган эле. Кийин айылдагы үйүнөн буюмдарынын жарымын алып келген. Үйүн сатыкка койгону менен өтө элек.

- Үйгө кир Дастан, биздин жашоо ушундай, - деди Айбек.

- Эчтеке эмес, мен шаарга жаңы келип батирде туруп жатабыз, балдар менен батирде кыйын экен.

- Баары жакшы болот досум, баш аман болсо бул күндөрдү да жеңебиз, турмушта күтпөгөн окуялар болуп кетет тура, мени тагдырым көп сынады, ошого дагы кайылмын, балдарымды эптеп чоңойтуп алсам болду, - деди оор күрсүнгөн Айбек.

- Болуптур, сен мени менен отур, балаңа чогуу баралы, - деди Дастан, - Бу жигиттер отуруп турушат.

- Жарайт, - Айбек Нурдөөлөт менен Бакдөөлөттү өөп анан, - Силер отуруп тургула, Байдөөлөттү көрүп кайра келе жатып азык-түлүк ала келем макулбу? - деди да жөнөй берди. Алар Байдөөлөткө барып анан кайра чыкканда Дастан Айбекке кайрылды:

- Эми сен экөөбүз бир жерге барабыз.

- Кайда?

- Унчукпа, - деди да машинасын айдап жөнөдү, алар үч кабат имараттын жанына келип токтоду, Дастан шаарга келип эле Шахзатты таап азыр анан фирмасында иштеп жаткан.

- Бул жерде ким бар дос, биз кайда келдик?

- Азыр көрөсүң жүрү, - деп имаратты көздөй басып кирип үчүнчү кабатка көтөрүлдү, узун коридор менен бара жатып бир кабинеттин тушуна келгенде: "Байматов Шахзат Шарипович", - деген жазууну окуп Дастанга карады:

- Айтып койсоң болмок, ушул кейпим менен кантип көрүнөм?

- Эмне, жасанып келишиң керек беле? - Дастан күлүп секретаршага кайрылды, - Чоң кыз, менин келгенимди айтчы.

- Жарайт, - Секретарша байланышып көрүп, - Кире бериңиздер, - деди.

- Рахмат, - Дастан эшикти ачты да алдыга Айбекти киргизип өзү туруп калды, Шахзат Айбекти көрүп бир азга карап турду да:

- Ой-оой, мен кимди көрүп турам, чын көрдүмбү же калппы ыя? - деп ордунан туруп келип кучак жая жетип келди.

- Кандай Шахзат? - Айбек кучакташып калганда сурады.

- Эң сонун досум, сен гана жоксуң, дайныңды билгизбедиң.

- Бекинип жүргөн жеринен сууруп чыктым, - деп Дастан чыга калды, - Достор-достор!

- Достуктун билинбеген сырлары бар.

Достукта айтылбаган калбас сырлар.

Биз доспуз, достугубуз түбөлүктүү.

Уккула биздей болсун бүт адамдар! - деп Шахзат экөөнүн ийинине колун коюп бакылдап жатты.

- Биз баары бир толук эмеспиз, - деди Дастан.

- Ооба, Нурлан гана жок, - деди Айбек.

- Аны мен азыр телефон чалып чакырам, түндөп келип калат, - деп Шахзат телефондун кулагын бурап кирди, - Алло, мен Шахзат, оо кандай Нурлан, бүгүн сөзсүз келип калчы, ооба сен мага керексиң, - деди да трубканы коюп экөөнө карады, - Буйруса келип калат, эртең чогуу болобуз, бир сыр ачылмай болду, мындан ары күтүүгө чыдамым жетээр эмес, - деди ойлуу. Үчөө бири-биринин ал-абалын сурашып көпкө отурду, Айбек шартын айтып кетмек болду. Шазхат аны өз айдоочусу менен жеткирип койду. Дастан болгонун айтып берди эле Нурланды күтүп калышты, ал ошол замат жолго чыгып: "Эмнеге шашылыш чакырып калды, тынчылык болсо экен", - деп ойлонуп машинасын катуу айдап келе жатты, түн ортосунда шаарга жете келип Шахзаттын үйүнө жетти. Экөө учурашкан соң эс алмак болуп жатып калды. Эртең менен Алмаш даярдаган тамактан ичип отурганда:

- Нурлан, Айбек менен Дастан бул жерде, чогуу бир отуралы дегенбиз, адегенде өзүбүз, андан кийин үй-бүлөөбүз менен эс алабыз, - деди Шахзат.

- Ошентип эле айтпайт белең, шашылыш эмнеге чакырды деп жеткенче кыжаалат болдум.

- Кандай анан, Толгонай жакшы жүрөбү, аяш атамдар демдүү, күүлүү-күчтүү элеби?

- Баары жакшы, салам айтышты.

- Саламат болсун, - деп анан Алмашка карады, - Кымбаттуум, кечинде чогуу үйгө келебиз, сен коркпой отуруп тур, бир азыраак кечигип калышыбыз мүмкүн.

- Акыры келсеңер болду да.

- Кеттик, - деп Нурланга караганда ал туруп аны ээрчий чыкты, Дастан аларды офистен тосуп алып үчөө адегенде Айбектин үйүнө азык-түлүктү толтуруп алып келишти, андан чогуу кайра ооруканага Байдөөлөттү көрүү үчүн барып ага оюнчук, таттууларды алып келишип кайра кафеде отуруп тамактанып отурушту. Нурлан билгизбегени менен Шахзатка болгон таарынычы али тарай элек болчу. Аны сезип убактысын күтүп ата-энесин кошо оюнга тарткан Шахзат бүгүн сырын ачкысы келди. Бирок аерден дагы унчуккан жок кеч күүгүмдө үйүнө келишсе Алмаш тамагын, үстөл үстүн даярдап күтүп отурган экен. Бакылдаша тамактан, ширин сок менен импорт арактан алып отурушуп кызуу абалга келип калды...

- Шахзат, Бекзат ооруп калды! - деген Алмаштын үнү аларды ордунан тургузду. Ошентип ал күнү дагы сырлары ачылбай алты айлык Бекзатты ооруканага алып барып түнү бою ошол жерде болушту. Көрсө баланын өпкөсүнө суук тийип ысытмасы көтөрүлгөн экен, Алмаш ооруканага уулун алып жатып калды.

- Сакайып кетсин Шаха, баланы оорутпасын, - деп Айбек аны далыга таптады, - Башкысы өмүрү узун болсун.

- Ооба, балдар оорубасын, - деди Дастан.

- Ылайым эле оорубай жүрсүнчү, силер баланын жытын искеп ата болуп калдыңар, мен азырынча билбейм, - деп Нурлан күлүп койду. Шахзат досторуна ыраазы болуп турду, ал Айбекти жумушка алып алдын ала аванс бердирди, ошентип баягы студенттер эми үй-бүлөө күтүп бакыйган адам болуп, ар кимиси баштарынан ар кандай окуяны өткөргөн токтоо кишилерге айланган. Айбек баласы ооруканадан чыккандан кийин Гуляга ыраазылык билдирмек болуп гүл көтөрүп алып келди эле ал күтүп тургандай алдынан чыкты:

- Гуля кандайсың?

- Жакшы өзүңөр?

- Кудайга шүгүр, сага ыраазчылыгымды билдирейин деп келгемин, - деп Айбек гүлдү сунду.

- Рахмат, кереги жок эле, ал менин ишим, убара болупсуң.

- Убара болгонум жок, келишим жакпай калдыбы?

- Жо-жо-ок, келгениң жакшы, - Гуля жылмая карады, - балаңар жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы, андан көрө конокко барып көрүп келбейсиңби?

- Убакыт жок.

- Качан бош болосуң?

- Билгиңер келдиби?

- Ооба, бош болсоң чайга чакырайын деген элем.

- Жекшембиде бошмун, күнүгө бул жердемин.

- Жакшы экен анда, дем алышта келем.

- Макул, - деп койду келин, бул келин күйөөсүнөн ажырашкан бой келин эле, ата-энеси, бир туугандары бар, жыйырма төрттөгү жаш келин.

- Анда ишиңе ийгилик, көрүшкөнчө, - Айбек коштошо жолуна түштү, Айбекке Гуля жагып калган эле, адам баласы канчалык түйшүк тартып, кайгы-капанын запкысында калса деле баары бир жүрөк чиркин өз теңин издеп, жалгыздыктын торунан чыккысы келип өзүнөн-өзү бир нерсени күткөндөй боло берет тура. Айбек дагы ызасы менен арманы жүрөгүн тээп чыгып кайдадыр чачылып кеткендей кийинки кезде бирөөнү издеп жүргөн сыяктуу, Гулядан жылуулук күтүп жүрдү. Эми каршы болбой жакшы жооп бергенде ичинен кудуңдай үйүнө жөнөдү. Бакдөөлөт инисинин жанында отурган, алар телевизор көрүп жатканда кирип келди.

- Ата келдиңби? - деп Нурдөөлөт бурула калды, - Ата апам эми бизге келбейби? - дегенде Бакдөөлөт аны нукуп койду, Айбек эмне дээрин билбей калды.

- Уулум, бутуң ооруган жокпу, көп баскан жоксуңбу?

- Жок, гипсти качан алат ата?

- Сынык бүткөндө алат балам, сен этият болуп бас, бутуңду жакшы кара макулбу? - деп сөздү башкага буруп алаксыткан болду.

- Ата дейм.

- Оов, эмне болду?

- Апам келеби ыя?

- Аа-а, апаң - апаң оруп калыптыр.

- Эмнеси ооруп жатыптыр ата?

- Билбейм, мен силер менен жүрөм го?

- Мен апама баргым келет, - Нурдөөлөт ыйлагысы келип буруя карады, - Мен апамды сагындым ата...

- Уулум, сен бутуң жакшы болгончо эч жакка бара албайсың, апаңды алыс жакка доктурга алып кетиптир, жакшы болсо өзү келет, - Айбек уулунун жанына отуруп сооротуп жатты, - Эртең мен жумушка чыгышым керек, уулум Байдөөлөттү карап жаткан врачка дагы акча беришим керек, - деди жай түшүндүрүп.

- Апам жакшы болуп келеби? - деди Бакдөөлөт, кыязы ал деле зорго жүрсө керек.

- Ооба келет, - деп туруп барып чай койду: "Мен канчалык көргүм келбей көңүлүм сууганы менен буларга энеси керек экен да, болбосо кардын ачырбай, кийимин тоздурбай күнү-түнү ушулар деп жүрсөм энесин ойлойт тура, өзүнө-өзү кылды", - деп ойлуу кайра келип отуруп телевизор көрүп отурду: "Жыпардын өлүмүнө мен күнөөлүүмүнбү, эгерде мен ошондо унчукпай койбой ачуум менен бирдеке кылсам эмне болот эле, ка-ап ата-энесине алып барып айыбын айтсам болмок экен", - деп ойлоно берди. Эртеси жумушка барып өз ордуна отурду, аны Шахзат товар таратканга дайындаган, эки-үч сааттай иш менен алек болуп анан Шахзат берген машина менен оорканага келди да уулун чыгарып алып кетти.

- Эч жакка чыкпагыла, ойносоңор дагы этият болгула, - деп балдарына эскертип тамак жасап берип кечке үйүндө болду. Кечке маал эжеси Ибадат менен Каныбек келип балдарын өөп учурашкандан кийин Ибадат.

- Сен бекер кылыпсың, - деди, Айбек балдарын ички бөлмөгө киргизип эшикти жаап койду.

- Эмнени айтып жатасыз?

- Жыпардын кылык-жоругун мен дагы угуп барып урушуп кеткем, аны жанында жүргөн бойдок келиндер бузду, кудагый келип сени сотко берем деп айтып кетти.

- Бере берсин, - деп Айбек үңкүйүп койду.

- Акыл менен иш кылбайт белең, ошондо кандай бизге бир ооз айтпай баса бердиң, алар башкача ойлоп алышыптыр, убара болуп ошону үчүн келдим.

- Эже, кудай деле көрүп тургандыр, өзүнөн көрсүн, мен аны жаман кылган жокмун, эки жыл бою тапканымды жөнөтүп турдум, мен келгенде балдар мусаапырдай болуп үчөө үч жерде жатыптыр, жетим баладай болуп калган экен ошондо, кокус ачуум менен өлтүрүп койсом эмне болот эле, өзүмдү-өзүм кармадым, көзүм көрбөсүн деп алар жаткан бөлмөгө, өз үйүмө кире албадым, ошондогу менин эңсеп келген жакшы үмүт тилегимдин ойрону чыкты, мен да адаммын го? Бөлөк жерде сагынып самап келсем аялым эс-учун билбей, балдарды караганга алы келбей жүрсө мен кантет элем эже, чекесине чертпедим, элге жарыя кылбадым, айтса жанагы өзү менен жүргөндөр айтаар, - деп жер карай жаактары түйүлө ачуусу келгенинен өңү кумсара түштү.

- Эмне кылган күндө дагы ата-энесине барсаң болмок, алар кызын акактай таза көрүп, сени Россиядан башка аялга үйлөнүп алып балдарын алып кеткенге Жыпарды чыдай албай өзүн-өзү өлтүрдү деп жатпайбы?

- Дей берсин, кудай күбө.

- Мейли эми, кудайдын салганын көрөөрсүң Айбек, менин сага келгеним эчтеке айтпай кетип калганың, балдарыңдын биринин артынан бири кокустаганы жүрөгүмдү оорутуп Каныбекти алып бар дедим, - Ибадат кейип-кепчип отуруп калды.

- Эже үйдү сатып ийсеңер боло.

- Үйдү тим кой, балдырың эми эле чоңоет, өзүң барбасаң дагы бир балаң барат да.

- Балдарга шаардан үй алып берип коем, ал үйгө киргим дагы келбейт эже, андан көрө тезирээк саткыла.

- Болуптур, анда үйдү жездең экөөбүз сатып алабыз, мен атамдар жашаган үйдү башкага ыраа көрбөйм, канчага бересиң? - деп Ибадат инисин сынай карады.

- Өзүңүз билесиз го, ал жерде азыр үйлөр канча болуп жатат? - Айбек кайра өзүнө суроолуу тигилди.

- Силердин үйүңөр жет-сегиз миң доллар болуп жатат.

- Андай болсо беш миң доллар эле бергиле, силерге баалашып отурмак белем? - деп күлө карады Айбек.

- Соодада достук жок деген бир тууган, азыр менде эки миң доллар бар, кийин үч жарым миң долларды өзүң барып аласың жарайбы? - Ибадат дагы күлүп колун сунду, - Кана макулсуңбу ушуга?

- Сиздин айтканыңыздай болсун, - Экөө кол алыша кетти.

- Негизи ал үй мага тиешелүү эле, мен бөлүнүп үйлүү болуп кеткенден кийин эле атамдар сизге берип койду, - деп Каныбек туурадан чыкты, - Документке менин дагы колум керек чыгар.

- Албетте, бирок мен инилеримди мага өткөрүп бергиле деп кыйнабайм, Өмүрбайды келинчеги менен бөлүп коем, кийин эле талашып жүрбөсөңөр, - деп Ибадат тамашалай карады, - Сейитбек болсо өзү менен өзү, жетиштүү.

- Эже, анын бетин ары кылсын, жээниме жөн эле берип койсом болмок, бирок мына бул үйдү оңдоп тостуруп анан чоң үйгө киришейин деп жатам, - Айбек ыңгайсыздана карады, - Ушундай болуп калды эже.

- Камтама болбо, үйүңдү бүтүп ал, кайненең келсе эми сен жаш эмессиң болгонун болгондой айтасың да, - деди Ибадат. Ошентип бир туугандар сүйлөшүп ал күнү чогуу болушту, эжеси асел менен май, сүзмө алып келген экен балдары сүзмө ичип оңуп эле калды, Каныбек өзү акимчиликте иштейт, аялы бухгалтер, эки баласы бар. Эртеси эле алар кайра кетишти, Айбек жумушуна кетти, балдар үйдө калды. Дем алыш күнү Гуля менен жолугушуп сүйлөшүп отурганда Айбек маселени кабыргасынан койду.

- Гуля, турмушка чыккансыңбы?

- Ооба, көңүлүмө жакпай эки ай жашап эле ажырашып кеткемин.

- Ата-энең барбы?

- Бар, беш бир тууганбыз, эң кичүүсүмүн.

- Жакшы экен, мага турмушка чыкпайсыңбы?

- Ыя? - Гуля кашын көтөрө таңгалып карады.

- Мен сага жакпаймбы?

- Билбейм, ойлонгон эмес экенмин.

- Мен сени жактырып калдым, кай жерликсиң?

- Нарындан болом.

- Гуля, чынын айтсам сулуу, кооз сөздү билбейм, бирок орой айттым окшойт, капыстан эле мага турмушка чык дегеним осол болду окшойт, - деп күлдү Айбек.

- Жок-жок, андай деле эмес, түз айтканыңар деле туура, бирок турмуш куруу жаңы кийим алгандай эмес да, жакпай калса кайра башкасын ала койгудай, силер дагы, мен дагы терең ойлонуп анан бир чечимге келүү керек, жашоодогу ыссык-суукка чыдагандай, бири-биринин азап-тозогуна чыдай турган болуу керек туурабы? - деди Гуля салмактуу сүйлөп күлүмсүрөй.

- Айтканың туура, мен сени көргөндөн бери аялдан көңүлүм калса дагы жашоодо бар экенимди сезип үмүтүм кайра жанып калды, - Айбек келинге сын көз менен карады: "Балким бул деле көп аялдын биридир, канчалаган врачтар менен иштешет, кайсыл күнү мени алмаштыраарын мен кайдан билем", - деген ойго берилип кеткенде?

- Силерге эмне болду, ойго батып кеттиңер? - деп Гуля айтканда эсине келди.

- Аа-а, ойлонуп кеткен турбайынбы, кечирип кой, эмесе бир жерге барып тамактанып албайлыбы?

- Убара болбой эле койгула.

- Жо-жок болбойт, бир аз отуралы.

- Нурдөөлөттүн буту кандай, басып жүрөбү?

- Жакшы, эми эки-үч күндөн соң гипсти аласыңар го...

- Ооба, андан кийин дагы этияттабаса зорго турган бут кайра жаракаттанышы мүмкүн, - деди Гуля, аңгыча жол боюндагы кафеге кирип тамак аш менен бирге вино буйрушту, экөө ачык сүйлөшүп көптө гана Айбек келинди үйүнө жеткирип анан үйүнө кайтты: "Мен өзүмдөн башкага ишенбей калдым окшойт, эч жаман ой жок келгенимде аялым мага кандай кызыкты көрсөттү, ооба ишенимимди жоготту, бир эле өзүнө эмес аял аттууга ишенгим келбейт, айла жок жашоо аялсыз болбойт экен, бардыгын өз абийирине гана коюп унчукпай жашоого туура келет окшойт", - деп ойлонуп үйүнө келди.

Каниет күндөп-түндөп иштеп үйлөнүүгө ашыгып жүргөндө бир окуяга кабылып калды. Ошол күнү ал эртерээк токтотуп кеткени жатса Элдияр аны үйүнө чакырып ийиптир, ошол жердеги айдоочулардын бири айтканда шашыла жетип барса конок тосуп жаткан экен. Элдияр аны союшун союп берип кой дегенинен койду союп казанга салып берип жатканда:

- Муну үйгө алып барып тамак жасап жегиле, - деп бир топ эт май салып карматты.

- Кереги жок, мен башка жакка барам.

- Алып барып коюп бара бер, - деп Элдияр айтканда анын сөзүн кайтаргысы келбей алып жолуна түштү, отуруп тамак ич десе болбосун ал билет, ошондуктан эки-үч жилик эт берген. Үйүнө келип этти таштап Эркинайга жолукканы жөнөп баратканда алдынан чачтары саксайган, кийими айрылган кыз жүгүрүп чыкты:

- Байке, жардам бериңиз, мени бирөөлөр зордуктамак болушту, артымда келе жатат!

- Тааныйсыңбы аларды?

- Жок, эч кимисин тааныбайм, мени коргоп калыңыз.

- Бас, баса бер, кайда барат элең?

- Жетинчи микрайонго барышым керек.

- Маршруткага салып коем.

- Тигине, алар келе жатат! - деп Каниетке жармаша калды, ал артын караса төрт килейген эркек келе жатыптыр.

- Эй, кызды бизге бер, сен кимсиң? - деди жүгүрүп келе жаткандардын бири.

- Акеңди тааныта электе кызды кое бер! - деди дагы бири.

- Кызда эмне жумушуңар бар? - Каниет токтоп аларга карады, - Уят эмеспи кыздарга тийишкен.

- Эй, акыл үйрөткөндү коюп жолуңа түшчү, - деп жете келишти да муштумдарын түйө тегеректеп калышты, - Андай эле кыйын экенсиң чама-чаркыңды байкап көрөлү, - деп келип бет талаштыра шилтегенде Каниет бурула берди эле ал күү менен өзү андан ары барып бети менен жыгылды.

- А сен азамат экенсиң, - деп дагы бири келди, - Балдар, мен жекеме-жеке чыгам, киришпей тургула, - деди да Каниетти аңдып боксерлорчосунан тикчийип ары жакка бир, бери жакка бир өтүп жатып муштап калды, Каниет дагы андан кем калбай мушташып жатканда ары жактан кызыл шапке көрүндү, Каниет ал келгенде болгонун айтмак болду эле:

- Мына, мына бул мени зордуктамак болду, тигилер мени коргомок болгондо аларды уруп жаткан, - деп эмелеги жардам сураган кыз озунуп айтып киргенде Каниеттин оозуна сөз кирбей калды, милиция аны түртүп:

- Бас, кыз зордуктаганды мен сага көрсөтөйүн, - деп алдына салып жөнөдү, - Сен дагы бас! - Кызды дагы алдына салды.

- Эй, сен кандай немесиң? - деди ошондо гана Каниет, - Сен эмес белең жардам сурап жолумдан калтырган.

- Калп сүйлөбөчү, - деп басып кете берди кыз.

- Жөн баскыла урушпай, - деп милиция зекип койду.

- Азыркы кыздарда уят калбай калган турбайбы?

- Болду сүйлөбө!

- Ушунуку жакшыбы, мени токтотуп жардам сурап куткарыңыз деген неме эми мага көө жаап жатса.

- Барганда териштиребиз, - деди да жол боюндагы унаасына салып бөлүмгө алып келди, Каниет калп айтып жаткан кыздын канчалык күнөөсүн айтса дагы болбой камап койду. Эртеси Элдияр келип аны куткарып кетти. Ошол бойдон Эркинайга жолуга албай жумушуна чыгып иштеп калды, Элдияр аны аябай тилдеген эле. Бир күнү жумуш бүткөндө эч ким жок келе жатса баягы кыз жол боюнда турганын көрүп токтотту эле түшүп алды, бир кезде ээн жакка айдап барып жерге түштү да эки жагын карамыш болуп калды.

- Бул жакка эмнеге келдиңиз, мен шашып жаттым эле, - деди тигил кыз.

- Азыр кетебиз шашпаңыз, - деди да башындагы кепканы өйдө көтөрүп, - Эми сиз менен сүйлөшсө болобу? - деп караганда:

- Сиз кимсиз, эмне ишиңиз бар?

- Жардам сурап качып келип канчанын акчасын шыпырдың айтчы?!

- Сиз мени ким деп жатасыз? - Кыздын көздөрү алаңдай түштү.

- Канча эркек менен иштейсиң? - деп эки жаагын карыштыра кармады, - Уятты унутуп ар кимдин убалына калбай адал эмгек кылууну үйрөнбөйсүңбү, айтчы жанагы милиция дагы силер мененби? - дегенде кыз ыйлап ийди.

- Ооба, мени атайын ошолор иштетип дольямды беришет.

- Иштебейм десең болбойбу?

- Мен жетиммин, баккан таежем абдан картаң, менден башка эч кимиси жок, - деп жалдырап ийди.

- Иштебейсиңби, сендей кыздар иштеп жатпайбы?

- Мен иш издеп жүргөмүн, анан мени Алтынбек деген мени коркутуп ушул ишке үйрөттү, дайыма мени кайтартып коет.

- Алтынбек деген ким?

- Айтпай эле коеюнчу, сиздин атаңызды билет экен, ошондо мага сизди көрсөтүп жөнөткөн болчу, ал өзү атайын акча чыга тургандарды өзү табат, - деп Гүлкайыр баарын айтып берди.

- Сен өзүң жетим болсоң, ансыз дагы өлгөнү калган таежеңди арам табылган акча менен багып күнөөгө батырып жаткан турбайсыңбы? - деп кыздын көздөрүнө карады, Гүлкайыр он жетиде болчу, мектепти бүтпөй калган, - Мындай ишти таштап жакшы жолго түш, - деди да кызды көз кыйыгы менен карады, - Кайда бармак элең?

- Мени Сашка чакырган.

- Аның ким?

- Ал ошо, баягы...

- Кой, сени жеткирип коюп кетейин, кайсы жерден түшөсүң? - Жооп күтпөй эле маршрутканы айдап жөнөдү.

- Кызыл-Аскерден түшөм.

- Жарайт, - деп чоң жолго түштү, ал Кызыл-Аскерге токтоп Гүлкайырды түшүрмөк болгондо жолдо Эркинай машинасынан түшүп жаткан, дүкөнгө кирмек болуп Гүлкайыр менен түшүп, - Өзүң ойлоп көр, жаш экенсиң, келечегиңди өзүң бузуп алба, - деди да ары көздөй басты, машинасынын эшигин бекитип жаткан Эркинай аны көрүп токтоп калды, аралык бир аз эде болчу. Гүлкайырдын түшкөнүн сүйлөшүп турганын көрүп жинденип алды: "Түү-ү, эркектин баары эле бирдей, келем деп коюп көрүнгөн менен көңүл ачып жүргөн го", - деп жини келе ары көздөй жөнөгөндө Каниет аны көрүп калды, - Эркинай, Эркинай! - деп жүгүрүп жетти, - Кандай жаны?

- Жолобо жаныма!

- Эркинай, сага эмне болду?

- Эчтеке, өз жолуң менен кете бер!

- Койчу Эркинай, мен сага жолугайын деп...

- Эмне, жанагыңды жеткирип коюп анан мага бармаксыңбы? - Эркинай ачуулуу бурулуп көздөрү менен ата карады.

- Кимди, кимди айтып жатасың?

- Аа-а, көрүп турса дагы танып кеткен эркектердин адаты го, бияктан бирөө менен жүрүп алып, тияктан бирөөнү запаска кармап көнгөн экенсиңер!

- Эркинай! - Каниет ушинтти да эмелеги Гүлкайырды эстей калып каткырып ийди, Эркинай ага таңгала карап ызаланып кетти.

- Эмнеге күлөсүң?

- Күлбөгөндө эмне кылам, күлкүнү келтирип жатсаң.

- Сен ушинтип кутулуп мени оңой алдагың келип турабы?

- Эркинай, сен адегенде мени уксаң.

- Укпайм, амал колдонбой эле кой!

- Угасың, - Каниет кызды карыдан алып өзүнө күч менен тартты эле ал жигиттин төшүнө жабыша түштү, - Эгерде сен минте берсең өкүнүп каласың, себебин билбей таарынганды токтот! - дегенде кыз жаман болуп кетти.

- Эмнени, эмне деген калпыңа ишенем? - Ыйламсырай карады.

- Канча калп айттым сага?

- Мен кайдан билем? - Жер карай дулдуйду.

- Эркинай, кымбатым менин, жүрү жай отуруп сүйлөшөлү, - деп Каниет кайра жумшара колунан ала аркы өйүздөгү кафени көздөй жөнөдү. Экөө отураары менен менюну алып келген кыз аларды күтүп калды, буйрутма бергенден кийин Каниет кыздын колунан кармап көздөрүнө тике карап айтып берди, - Билесиңби, адамдар кандай гана жаман болуп баратат, бир байкуш жетим кызды алсыздыгынан пайдаланып кандай жолго түртүп жатканын, он жетиге чыккан жаш кыз, атам үч миң сом берип куткарды, алар мени болбогон жерден карматты, ушуну адамдык касиети барлар жасайбы?

- Каниет, мени кечирчи.

- Кечирбегенде кайда барам, сенин күнөөң мени кызганганың, - деп Каниет күлө карады, - Сүй, бирок кызганба, анткени кызганыч үй-бүлөөнүн бузулушуна алып барат.

- Түшүндүм, - Эркинай жарк этип алды, - Сени сүйөм, бирок кызганбайын ээ?

- Акылдуу кыз бол уктуңбу? - деп ээгинен көтөрүп эркелетип койду, - Демек мага ишенип жүр жарайбы?

- Жарайт мистер, - Эркинай күлүп калды.

- Эмесе кеттик, - деп тамактын акчасын төлөп сыртка чыгышты, андан кийин паркта көпкө отурушту, кеч киргенде үйүнө жеткирип кайра кетти, Эркинай келсе апасы тынчсыздынып жаткан экен.

- Кайда жүрөсүң ыя, кыз киши дагы караңгыда жүрөбү ыя?

- Эмне болот эле, жумушум бар да апа.

- Кандай жумуш ыя, азыр айланыңда эмнелер болуп жатканын билесиңби, Жибек-Жолу көчөсүндө бир кызды жылаңач кылып цалафанга салып таштап кетиптир дейт, түндөсү кеч калбай жүрчү кызым.

- Ай апам ай, мени жаш баладай эле көрө бересиз, - деп күлүп келип апасын кучактап эки бетинен өөп эркелей кетти, - Коркпой эле койчу апаке.

- Садагам менин, өзүңө сак болчу каралдым, мен эртең айылга барып үйдү карап келейин, - деп кызынын чекесинен өптү, - Мен сага ишенем, эрктүү чыдамкай кызсың.

- Алтын апакем, менин табылгыс кенчим апам, - Эркинай дагы эркелеп жатты, - Үйдү көрүп келе бериңиз ээ?

- Ооба, бир-эки жума болом го, сен ишиң менен алаксый бер, дүкөндү иликтеп табылса сүйлөшкүн макулбу? - деди да Бурма креслого кыңкая отуруп калды, Эркинай кечкиге тамак жасап жатып Каниетти ойлонуп жатты: "Эмне кылып жатты экен, уктап калдыбы же мени ойлонуп жатабы, менин чабалдыгым эле жаман, эмнеге аны кызганып кеттим, катуу сүйүп калдым окшойт, сүй бирок кызганба деп туура айтты, ал чын эле аябай боорукер экен, жаш кызды аяп жатпайбы", - деп кыялдарга берилип кеткен экен газдагы тамагы ашайын деп калыптыр. Бурма кызын эптеп үй-бүлөө күтүп бактылуу болсо экен деген үмүттө Искендерге ала качтырмак болгон: "Мен жокто алып кеткиле, кокус отурбай кыйнаса жеңелерин чакыргыла, мен ал тынчып калгандан кийин келем", - деп сүйлөшүп койгон.

- Эркинай, телефонду алчы кызым, - деп Бурма үн катканда жетип келди:

- Баратам апа, - Трубканы ала койсо Наргиза экен, - Алло угуп жатам, Наргиза акыбалың кандай?

- Жакшы, - деген Наргизанын үнү угулду, - Эртең келип кет, атамдар келет.

- Сөзсүз барам, өзүңдүн акыбалың жакшыбы?

- Абдан жакшы, Алыкул жанымда, салам айтып жатат.

- Рахмат, менден дагы салам айт, болуптур көрүшкөнчө, кам санаба барып калам, - деп трубканы койду.

- Ким экен?

- Наргиза, ата-энеси Кытайдан келиптир, - деп айтып берди Эркинай.

- Бактылуу болсун, Наргиза жакшы кыз.

- Ооба, аны ала качып алды.

- Көрдүңбү кызым, - Бурмага бул сөзү жага бербей калды, - Кыз жаманы эрге тийгенде, кыш жаманы жаз келгенде кетет дегендей ала качып кетсе таш түшкөн жеринде оор деп кыздар отуруп калышат.

- Апа, ошондо да өзүнө жакпаган адам менен жашаганга кантип болсун?

- Болот, илгери биздин апаларыбыз деле сүйлөшпөй этпей эле жашап калышкан, баары бир жашоодо күтпөгөн нерселер болот эмеспи, - Бурма дагы көп сөздөрдү айтып жатты. Эркинайдын кулагына эчтеке кирбей эле көз алдына Каниет келип туруп алды. Эртеси таң эрте чыккан Бурма Таласты көздөй кетти, Эркинай жаңы эле туруп жуунуп жаткан, ал шашпай жетти да ачпай туруп:

- Ким бул? - деди.

- Мен Искендер, Бурма аяш энем барбы?

- Ал жок, айылга кеткен, - деди.

- Эркинай ачып койчу, колумда буюм бар эле...

- Ача албайм, апам келгенде келээрсиңер.

- Ачып койчу, сага бир сөз айтам.

- Кереги жок, - деп Эркинай ары кетип калды: "Булар мени ала качып кетип жүрбөсүн, апам жокто эмне кылам эми, адамдарга ишеничтин кереги жок", - деп ойлонуп алды. Искендер шаабайы сууй кетмек болду да кайра чыйралып: "Мен ушундан коркомбу, сени ала качып алып сазайыңды гана бербесем", - деп кыжынып алды. Каалганын артына туруп алып кетпей туруп алды. Эркинай аны сезбеди кийинип алды да сумкасын алып чыга берип Искендерди көрүп чоочуп кетти.

- Али кете элексиңби?

- Эмнеге кетишим керек, өз сүйүүмө жооп алмайынча кетпейм.

- Сүйүүңүздүн жообун ушул жерден издейсизби? - деп жөнөй берди, артынан Искендер келе жатып ал машинасын коймодон алып чыкканча машинасын айдап келип Эркинайды аркасынын кучактамак болгондо ал бери карап бакырып ийди, - Сизге эмне керек?

- Эчтеке, чайга чакырайын дегем, - деп Искендер шашып калды, - Жок дегенде жакын адам катары бирге отуруп чай ичкенге дагы болбойбу?

- Кереги жок, азыр менин ишим көп, убактымды албаңызчы, - Эркинай унаасын айдап жөнөп кетти. Искендер унчукпай кала берди, бирок ал бир нерсени ойлоп көңүлү жайлана түштү: "Шашпа, ала качып кетсем отурбаганыңды көрөйүн", - деп ойлонуп теңтуштарына барып өз оюн айтты да эки күндөн кийин ала качмак болду. Бул кезде Каниет дагы камы бүтүп дал ошол күнү алып кетмек болгон, Эркинай ошол күнү кечке маал экөө жолугушуп макулдашышты, кыз жигитине каршы эместигин айтты, ал Искендерден коркуп калган эле. Болжошкон күнү Каниет кызга келип үйүндө көпкө сүйлөшүп отурушту, анан Эркинай өз бөлмөсүнө кирип кийимдерин алып чыкты:

- Каниет, кандай кийинип барайын? - деди күлүмсүрөй.

- Сага кандай кийинсең дагы жарашат жаным, болгону шым кийбе, кийин кие бересиң.

- Жарайт узун юбка менен бул кофтаны кийейин ээ?

- Болот, сени көргөндөр кандай сулуу келинчек алып келгенимди көрүп таңгалышсын, - деп туруп келип жүзүнөн өөп экөө тикесинен кучакташып туруп калышты, - Саат канча болду?

- Төрттөн өттү.

- Оо, балдар келе турган убакыт болуп калыптыр.

- Алардын эмне кереги бар, мен өзүм эле баратам го? - Эркинай күлө карады, - Же ырымы кылып бакырып коеюнбу?

- Ооба, жардамга элди чакыр, - Экөө тең күлүп калды, ээрчише чыкканда сыртта бир машина менен Искендер күтүп турган. Каниеттин балдары да ары жакта турган. Эркинай бул жолу машинасын айдабастан Каниет менен аларды күтүп турган машинаны көздөй басканда Искендер жанындагыларга:

- Түшкүлө, кызды андан куткарып калуу керек, - деди.

- Өзү сүйлөшкөн жигити болсочу? - деди бири.

- Мен айтканды жаса, кыз жүгүргөндүкү эмес буйругандыкы дегенди билесиңби, мен буларды ушул жерден ажыратам!

- Жарайт досум, сен айткандай болсун, - Төртөө түшүп эле эми машинага отурмак болгон кызга жеткенде Каниет эч нерсеге түшүнбөй туруп калганда бириси кызды колунан кармап көтөрмөк болгондо кыз бакырып жиберди, ошондо Каниет бир нерсени сезгендей аны тээп жибергенде ал сенделе барып токтоду, калгандары Каниетке асылганда анын балдары жабыла түшүп тепкилешип жатып калышты, акыры Каниет Искендерди бекем кармап алды да:

- Ким силерди жумшаган, кызда кандай ишиңер бар? - деп муунтуп кирди, - Айт азыр, милиция чакыртам.

- Кое бер мени, эч ким жиберген жок.

- Айтпасаң өлтүрөм, - деп күч менен муунтуп киргенде анын буту-колу тыбырчылай баштады, ал ээрчитип келген балдар качып кеткен. Ошол убакта Эркинай машинанын ичинен кыйкырды:

- Каниет, өлтүрүп койбо, кеттик бол!

- Каниет кеттик, - деди рулдагы Болотбек, ошондо гана эсине келген Каниет колун чыгарып Искендерди кое берди эле ал эси ооп сулк жатып калды.

- Каниет, ал өлүп калган жокпу? - Эркинай корккондой жанына келип отурган Каниетке карады.

- Өлбөйт, айда кеттик.

- Каниет, тигине бир карап коелу, кокус бирдеме болсо сен жооптуу болуп каласың, - деп Эркинай чыйпылыктап ийгенде үчөө-төртөө тең түшүп барып караса көкмөк болуп эс учун жоготуп жатыптыр. Аны эптеп суу сээп эс алдырды да жолуна түштү, Искендер дел болуп отуруп санын чаап алды:

- Акмактар, таштап кеткенин кара, дос-жолдош имиш дагы, мындайын билгенде...

Айбек балдарын карап, кайра жумушуна барып абдан кыйналды, түндөсү кир жууйт, тамак жасайт. Оорулуу балдардын дары-дармегин учурунда бериши керек, эртең менен кечинде өзү берет, күндүзгүсүн Бакдөөлөткө дайындап кетет. Аны Шахзат бир күнү байкап жүдөп баратканын сезди:

- Айбек, үч баланы жалгыз өзүң караган оор болуп жатат го, туура көрсөң үйлөнүп албайсыңбы? - деди ага.

- Ылайыктууну табуу кыйын дос, балдар менен аялдын ортосунда кыйналгандан көрө бой жүрүп чоңойтуп алганым дурус го?

- Анда жаштыгың өтүп кетпейби?

- Ошондой болот, арга канча?

- Ойлон, менин бир бөлөм бар, күйөөсү өлүп калган, төрөгөн эмес, отузга чыга элек, каршы болбосоң тааныштырып коеюн, - Шахзат Айбекти сынай да, боору ооруй да карап турду.

- Билбейм, азырынча үйлөнүү оюмда жок, - Айбек ушинткени менен Гуляны ойлоп турду, анын өтө өңдүү-түстүүлүгүн эстегенде: "Ким билет, ал дагы мени жазгырып кетеби, үчтү төрөп, жети жыл бирге жашаган аялым мени алмаштырып ийди, бул дагы андан куру калмак беле", - деп ойлоп ийди, - Сеники деле туура чыгаар, эки жакка кеткенде эмне болду деп ойлой берип кыйналып кеттим, ойноо балдар экен да.

- Андан көрө ойлонуп көр, менин бөлөм үйдө эле отурат, эч жакта иштебейт, балдарыңа дагы карамдуу болот эле.

- Байкап көрүүм керек.

- Ошент, мен сага жамандык кааламак белем, үйүңө уста салсаң дагы тамак-ашты жасап берет, өзүң бей кам болосуң, - деп Шахзат аны көндүрмөк болду: "Нурлан өзүмдүн бир тууган күйөө балам болду, Айбекти дагы жакындатып алсам ишимдин жүргөнү, достукту бир туугандыкка айлантып түбөлүк сыйлашып жүрөбүз, Дастан менен болсо кудалашууга жол беришим керек", - деп ойлонуп алды. Ошол күнү Айбек Гуляга жолукмак болуп иштеген жерине келсе ал түшкү тамакты өз кабинетинде бирөө менен ичип отуруптур, көрүп турса да тыкылдатты:

- Кире бериңиз, - деген үн чыкты, Айбек кирип келгенде Гуля жылмая тигини карап, - Бул менин келечектеги күйөөм, кечиресиз, балаңызды алып келдиңизби? - деди Айбекке.

- Жок, ошону сүйлөшөйүн деген элем.

- Азыр чыгабыз, мен врачтан сурайын, - деп Гуля кабинетинен чыгып ары көздөй басканда Айбек жете келди:

- Эмнеге мурун айтпадың, сүйлөшкөнүм бар дебейт белең?

- Айта албадым, чынында ал мени болбой эле ээрчип жүрөт, ага эмне мынча капаландың?

- Үмүттү жандыруу кайра өчүрүү оңойбу сага?

- Менин дагы үмүтүм чоң.

- Кой, сен үмүтүң менен аман бол! - деди да Айбек колун шилтей артына бурулуп чыгып кетти: "Аялдар ай аялдар, мынчалык эмнеге куусуңар, бири-бирине билдирбей гана зымпыясыңар, жүрөктүн ооруганын сезгиңер да келбейт", - деп баарынан көңүлү калып кетип баратты. Ушул кезде ал өзүнөн-өзү буулугуп унааны "пивной барга" бурду. Отуруп алып пиводон иче берип кызып калганда чөнтөгүнөн партманын алып акчасын төлөп жатканда жанына жарым жылаңач, көздөрүн ашыкча боегон, буттары узун, ого бетер бийик така, кыска юбка кийген кыз келип:

- Жаныңызга отурсам болобу? - деди.

- Отура бериңиз, - Айбек көңүлсүз колун жаңсады.

- Көңүлүңүз чөгүп турган го?

- Сизге катышы жок, - Туруп кетмек болгондо колунан кармап калды:

- Көңүлүңүздү көтөрө алам.

- Кереги жок, - Колун тартып алды.

- Өкүнүп калбаңыз, мындай мүмкүнчүлүк күндө боло бербейт, - Кыз көзүн кыса жылмайып, узун буттарын кайчылаштырып кошо турду, - Болгону бир саат.

- Канча?

- Эки жүз...

Айбек кыз менен ээрчише ал жетелеген жакка кете берди, бир кезде бөөт-чөөт болгон кууш көчөдө жайгашкан бир бөлмөгө алып келди:

- Бул жерден кам санабаңыз, эч ким тынчыбызды албайт, - деп эшикти бекитти да өзү чечине баштады. Айбек чак түштө аялы менен да жатып көрбөгөн, эмнеси болсо дагы көптөн берки бир бугун чыгырап алгандай болду, кетээрде эки жүз сомду таштады да аерден чыккан соң: "Бул бойдон балдарыма барууга болбойт", - деп ойлонуп ошол арадагы "Баня с парой", - деген үйгө кайрылды. Ошентип кечке маал үйүнө келди: "Минтип жүрбөй ишти башташым керек, чоң тамды баштайын", - деп ойлонуп кайрадан балдарына тамак жасап кирди:

- Дарыларын убагында бердиңби? - деп Бакдөөлөткө кайрылды.

- Ооба ата.

- Ата, башым оорубай калды.

- Азамат, оорубай калса жакшы болуп калганы.

- Дарыны ичпей эле коеюнчу?

- Болбойт, ушулар түгөнгөнчө ичесиңер.

- Ата, менин бутумдагы темирди качан алат? - деп Нурдөөлөт ага карады, - Тез эле алсынчы, бутум жакшы болуп калды го?

- Чыда балам, ала турган убагы келет.

- Тез эле айыгып кетсе таятамдыкына барат элем, - дегенде Айбек аны шарт карады: "Дагы апасын сурабаса экен, деги буларга кантип түшүндүрсөм экен", - деп ойлонуп калганда Байдөөлөт:

- Ата, апам таятамдыкындабы? - деп сурады.

- Жок, ал тээ алыстагы доктурда.

- Ыкы, менин түшүмдө апам таятамдыкында экен го? - деп Байдөөлөт атасына карады, - Ата, апамды эмнеге алып келбей таштап койдуң?

- Байдөөлөт унчукпа, - деди Бакдөөлөт, - Апам арак ичпесе атам таштабайт болчу, - деп жатканда Айбек чыгып кетти.

- Атам келгенден кийин ичпейт эле го?

- Атамдын ачуусу келет да анан...

- Апамды атам кечирбейт.

- А мен апамды сагындым.

- Мен дагы, азыр келип калсачы ээ, биринчи барып кучактап алып апамды кечирчи ата деп айтат элем, - деп Бакдөөлөт кабагын сала сүйлөдү, үчөөнүн тең апасына болгон сагынычы күч эле, эне баланы бөлүү оңой, бирок алардын бири-бирине болгон сүйүүсүн өчүрүү кыйын, Айбек балдарынын сөзүн уккан сайын өзүнчө убайымга батып жүрдү: "Кантип башка аялга үйлөнөм, булар аны кабыл алабы, күздө Бакдөөлөттү мектепке алып барыш керек, бирөө аны карашы керек, экөө үйдө калса кандай болот", - деп убайымга батат. Ошентип жүргөндө Шахзат аны чакырып калды, көрсө бөлөсү Кымбатты үйүнө атайын алдырып келген экен. Ага Алмаш Айбек жөнүндө жакшылап түшүндүрүп койду, алар таанышып, сүйлөшүп бат эле Шахзаттын жардамы менен үйлөнүп алды. Балдардын иши эмне унчуккан жок, улуусу Бакдөөлөт гана өгөйлөп таарынып тамак ичпей жатып алды. Айбек анын жанына келди эле:

- Эмнеге апамды алып келбейсиң, эмнеге башка аялды алып алдың? - деп ыйлап кирди:

- Балам, сен чоңоюп калбадыңбы, апаң эми жок, анын өлгөнүн силерге айта албай жүрбөйүнбү.

- Калп, калп айтасың, бизге өзүбүздүн апабыз керек! - деп бетин жаап алып соолуктап жатты, ошондо Ибадат келип Бакдөөлөттүн бетин ачып өзүнө тартып кучактап алды да:

- Сен чоң жигит болуп калбадыңбы, апаңдын өлгөнүнө алты-жети ай болду, кааласаң мен силерди таятаңдарга алып барам, ошондо чын экенин билесиң, ыйлаба садага, - деп сооротуп жатты, Байдөөлөт менен Нурдөөлөт эбак эле бышылдап уктап калган.

- Эже, атам эмнеге башка аял алды?

- Силерди жалгыз багам деп кыйналып кетпедиби, ал эми апаңар болот, уктуңбу садага?

- Сиз бизди таятамдардыкына алып барасызбы?

- Ооба берекем, мен ала кетем дагы таятаңдардыкына алып барам, ыйлабай укта ээ?

- Ыйлабайм, - деп Бакдөөлөт жатып калды, - Эже.

- Эмне болду берекем?

- Апам эмнеге өлдү?

- Ооруган го садага.

- Ооруптурбу, ал бизди сагынып өлгөн чыгаар.

- Кой балам, антип ойлонбо.

- Атам биз менен кошо алып келгенде өлбөйт болчу.

- Уктай гой садага, коноктор күтүп калды, - Ибадат баланын суроосуна жооп айтуудан тайсалдай тура жөнөдү.

- Эже, эс алдыбы? - Айбек санааркай эжесинен сурады.

- Ооба, көнөт да айла жок, бала эмеспи, - Ибадат инисинен дагы качып ичке кирип кетти, эки бөлмө үйдүн төрүндө коноктор бар, Кымбат чай куюп отурган, күндүзү нике кыйылган соң жеңелери келген, бир эжеси болуп алты адам отурат. Кымбат жумшак мүнөздүү татынакай арыкчырай келин эле, биринчи күйөөсү ала качып алган, эки айдан кийин авариядан кайтыш болуп кайын журтунда жылдыгына чейин турду. Ата-энеси анын карасын алгандан кийин алып баса берген, минтип эми турмушка чыгарышты, аларды Шахзат тынчтандырды. Үч бала менен үйдө калуу ага өтө кыйын болду, бир күнү сыртта кир жууп отурса Байдөөлөт колундагы ичип жаткан айранды атайын түшүрүп төгүп салды, Нурдөөлөт болсо аны жууйм деп бир чака сууну үстүнө куюп ийди, аларды көрүп Бакдөөлөт:

- Атам келсе урушат, - деди.

- Оногу аял тазалайт да.

- Ал атама айтат.

- Айта берсин, өзү кетет да.

- Атам бизге болушат, - деди Нурдөөлөт.

- Эмне болгон? - деп Кымбат кирип келгенде үчөө бири-бирин карап туруп калды.

- Менин колумдан түшүп кетти, - деди Байдөөлөт.

- Экинчи мындай кылбай жүргүлө, - деди да шөлбүрөп суу болуп калган палас менен төшөктөрдү сыртка жайып койду.

- Айтпадым беле, атамдан коркот деп, бизди урушпайт, - деп эдиреңдеди Нурдөөлөт.

- Атама айтсачы? - деди Бакдөөлөт.

- Көрөсүң го айтпайт, - Үчөө талашып жатканда Кымбат кирди:

- Азаматтар, жакшы балдар турбайсыңарбы ээ, келгиле эми чай ичкиле, - деп дасторкон алып келди, - Кана, төкпөй-чачпай ичкиле, мен анан силерге со-онун жомок айтып беремин.

- Чын элеби? - Байдөөлөт көзүн бакырайта карады.

- Жомок айтып берчү беле?

- Жо-ок, - деди Бакдөөлөт.

- Анда мен силерге жакшы-ы жомок айтып беремин.

- Ооба, мен жомокту жакшы көрөм да, - Нурдөөлөт кудуңдай нандан алып чайын ичип кирди, үчөөнүн кардын тойгузгун соң идиш аягын жууп келип жанына отургузуп алды да ойлонуп калды.

- Кандай жомок айтасыз эми? - Бакдөөлөт суроолуу кулак түрө карады.

- Акылдуу бала жөнүндө айтып берейинби?

- Ооба.

- Ооба.

- Ооба да, - Үчөө дилгирлене карап калышты.

- Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур, алардын баласы жок экен, алар кудайдан суранып, зар ыйлап жүргөндө кемпирдин боюна болуп тогуз ай, тогуз күн дегенде уулдуу болушат, алар кубанып баласынын атын Каргадай деп коюп алып бактылуу жашап калышат. Каргадай ата-энесин сыйлаган акылдуу бала болуп чоңоет, атасы абдан акылдуу, жан-жаныбарлардын тилин билген адам эле, жалгыз баласына байлыгын калтыруу үчүн көп ойлонуп аны каргага айланып кааласа адам болуп ала турган дуба үйрөтүп коет.

- Анан эмне карга болуп калабы?

- Кантип каргага айланат?

- Анын эч ким билбеген дубакөйлүгү бар экен да, эл аны сыйкырчы деп коркушчу экен. Каргадай он сегизге чыкканда айыл-айылды кыдырып жүрүп бир кедейдин акылдуу сулуу кызын алып берет. Кемпир-чал убактысы жетип, ичээр суусу түгөнүп дүйнөдөн өткөндө Каргадай ызаат менен жерге берип анан жашоосун улантат. Малы көбөйүп күндөн-күнгө жерге батпай кимдин уйу десе дагы Каргадайдын уйлары, кимдин жылкысы десе Карагадайдын жылкысы дешет экен. Ошол кезде Каргадай зериккенинен каргага айланып абалап учуп жер жүзүн кыдырып жүрүп бир жерге келгенде байкоостон конмок болуп тузакка илинип калат. Ал бир кедейдин тузагы экен, тузакка түшкөн канаттуулардын этин жеп жан сактоочу эле, карганы көрүп кубанып кетип кармап алып үйүн көздөй жөнөйт.

- Кудай буйруса семиз карга экен, ысык шорпого тоюп кемпирим экөөбүз бир жыргайлы, - деп сүйлөнүп баратканда кара каргага тил бүтүп жан соогалап кирет.

- Жан кыйба досум жан кыйба, муштумдай эттен не пайда, кааласаң төрт түлүк малдан берейин, жан кыйба.

- Эй, сен кишиче сүйлөп какшайсың, төрт түлүк малдан баштайсың, кантип сага ишенем, кое берсем алдап мени качаарсың? - деп кедей карганы айланта караса кадимки эле карга, көздөрүн караганда тамчы мөлт этип куюлуп кетет, боору ооруган кедей, - Каргада кайдан мал болсун, тил билгениң таңгалтты, сен дагы бир макулук, башың азат, күнүңдү көрө бергиниң, - деп кое бергенде:

- Менин атым Каргадай, ата-энем койгон тандабай, артымдан калбай ээрчигин, байлыгым берем сага жай, - деп учуп жөнөйт, улам алыстап, кайра жакындап учуп бараткан карганын артынан бараткан кедейдин карды ачып, таманындагы тери чокою жыртылып, кыпкызыл болуп жооруп үч түнөп бир коктуга жеткенде тияк бет, бияк бети толгон койлор жайылып жүрөт имиш.

- Оой, бул кимдин малы? - деп сурайт кедей.

- Каргадайдын малы, а сен кимсиң?

- Мен Каргадайдын досу болом, конокко чакырган.

- Досу болсоң тартуу берет чыгаар.

- Бара көрөм, - деген кедей кудуңдап андан ары карай жөнөйт: "Укмуш бай болсо керек, ушунча чакырган соң төрт түлүк малынан алып кетейин", - деп кыялданып баратса бир кокту толгон жылкы имиш.

- Эй кайда барасың? - деп кыйкырат жылкычы.

- Досума.

- Досуң ким эле?

- Каргадай.

- Досуңдан эмне сурайсың?

- Бергенин алам да.

- Бергенин алба, жайыл дасторкону бар, ошону ал.

- Бара көрөм.

- Антпей ошонусун сура, - деп жылкычы кала берди, андан кийин дагы бир коктуга туш келди, уйлар жайылып жүрөт, чет жакта уй кайтарган адамдан, - Бул кимдин уйлары? - деп сурап калды.

- Кимдики болмок эле, Каргадайдын малы, өзүң кайда баратасың?

- Каргадай досума.

- Каргадай досуң конокко чакырдыбы?

- Ооба, - деп коюп үйүндө өзүн күтүп ачка отурган аялын эстеп ылдамдай басып кырга чыкканда аппак болуп тигилген көп үйлөрдү, эң ортосунда чоң, башкача тигилген үйдү көрүп: "Буйруса жеттим", - деп тик ылдый түшүп баратканда анын алдынан үч-төрт жигит чыгып аны сыйлуу коноктой тосуп алып жуунтуп, жаңы кийим кийгизип анан Каргадайдын өргөөсүнө алып кирди:

- Кел-кел досум, - Каргадай аны жакшы тосуп алды. Кой союлган экен тамак келди, андан кийин, - Эми эс ал, эртең өзүм жөнөтөм деди.

- Рахмат досум, - деп кедей өмүрү көрбөгөн мамык жаздыкка башын коюп уктап кетет. Эртеси эрте ойгонуп сыртка чыкса Каргадай эбак туруп алган экен.

- Каалаганыңды аткарам, оюңдагыны айт, сөзүм сөз, деди Каргадай.

- Бергениңди алам.

- Болуптур, төрт-түлүк малдын ар биринен жүздөн алып айдап кет, азыр кардыңды тойгуз, - деп Каргадай ары басып кетет. Алардын сөзүн угуп турган күңү ага жылып келип:

- Ай, көк мээ турбайсыңбы, Каргадайдын берген малы башкага турбайт, андан көрө башка сура, - деп шыбырады.

- Эмне сурайм анан.

- Жайыл дасторкон, чыч эшек, ур токмок деген баалуу үч буюму бар, ошолордун бирин сура, - деп басып кетти. Эртең менен дагы кардын кампайткан кедей:

- Мени дос деп ушунчалык кадырга алдың, эми сенде бир өтүнүчүм бар, - деди кедей.

- Айт, айта бер, каалаганыңды аткарайын.

- Анда сенин үч баалуу буюмуңду сурайм.

- Эмне дедиң? - Каргадай кул-күңдөрүн карады.

- Мен жолдон уккамын, сага келе жатканда ар кандай укмуштарды көрдүм, жайыл дасторкон, чыч эшек, ур токмок деген буюмдарың бар экен.

- Болуптур, айтканыңды аткарам деп сөз бердим эле, - деп Каргадай ары карап ыйлап, бери карап күлүп үч буюмун берип жөнөттү. Ошентип кедей келсе аялы жегенге эчтеке жок ачкадан алсырап турганда кедей кубанып үйгө кирди:

- Кемпир, тур өйдө, мен түгөнбөс кенч алып келдим.

- Кана, ачкадан өлмөй болдум, кайда жоголуп кеттиң?

- Жөн жүргөнүм жок, дос күттүм, Каргадай досум мага баалуу буюмун берди, - деп төшөккө отура калып дасторконду жайып, - Жайыл дасторкон! - деди эле үстү толо жер-жемиш, тамак аш толуп калды, баягы ачка отурган кедейдин аялы тойгончо жейт. Андан кийин эшекти алып кирип, - Чыч эшегим чыч! - дегенде куйругун көтөрүп алтын-күмүш тыйындарды чычканда кедей аялы экөө чогултуп кубангандарын айтпа.

- Эшикти жап, тиги сүткор келсе бизди көрө албай уурдап жүрбөсүн? - деп аялы эшик терезесин бекитип эшекти отко байлап коюп жатып калышты, ошентип кедей аябай байып кетти. Ошондо жакын жашаган сүткор аларды көрө албай:

- Булар бир кенч тапкан окшойт, сындырым нан үчүн ишимди жасачу эле, буларды аңдып көрөйүн, - деп аялы экөө аңдышат, тамак жасап түтүнү чыкпай аялы экөө дүйүм тамак жеп жатканын көрүп ичи күйөт.

- Кедейбай, сен мага келбей калдың, ишим көп, жасап берсең акыңды жакшылап төлөп берем, - деди бир күнү.

- Керек болсо сен менин ишимди кылып бер, эми сенин эшигиңе барбайм, - дейт кедей керсейип.

- Кантип жашайсың анан, мурункудан башкача болуп калдыңар, аялың дагы өңдөнүп, мал күтө баштадың, - дейт сүткор билмексенге салып сырын тартмакка.

- Мен кудайы момун кедеймин, жараткан өзү бизге берип жатат, сен ач көзсүң, бирөөнүн жакшы жашаганын көрө албайсың, - деди кедей.

- Чын айтасың, быйыл малымдын көбү өлүмгө учурады, сырын билсең айтчы? - деп жалдырады сүткор.

- Эч кимге көз артпа, колуңда болгонуна топук кыл, ошондо баары жакшы болот, - деген кедей бир марттыгын көрсөткүсү келип, - Кемпир, алып кел жайыл дасторконду, коңшуну бир сыйлап коелу, - деди.

- Жайыл дасторкон! - деп кемпири силкип койгондо өзү жайылып үстү дүйүм тамакка толуп калды, көздөрү чакчайып өмүрүндө көрбөгөн тамакты сүткор жей берет, жей берет, дегеле түгөнбөй ынтыгып калганда үйүнө кайтат. Ал ошондон баштап кедейдин дасторконун кантип алыштын амалын ойлоп уйкусу качат, акыры ошого окшош дасторконду таптырып келип кемпирин жиберип алмаштырып алат.

Аны кийин билген кедей ур-токмогун сүткордун үйүнө көтөрүп барат, эшигин ачпай койгондо терезесин ачып:

- Көрө албаган сүткордун колу бутун сындыргын, жайыл дасторконумду өзүмө гана сый кылгын, ур токмогум ур! - деп ыргытып ийгенде ур токмок сүткорду аялы экөөнү тең сабап кирет. Айласы куруп бүт денеси жанчылган сүткор:

- Ур токмокту токтоткун, айтканыңды жасайын, ала койгун мунуңду, жанымды аман сактагын, - деп жалдырайт. Кедей дасторконду алып келсе өзүнүкү экен, анан барып:

- Токто токмок токтогун, ач көздүгүн койдурдуң, өз буюмум өзүмдө, кетели эми токтоткун, - дегенде токмок токтоп калат. Ошентип кедей абдан байыйт, аны билген Каргадай самсаалаган чапан кийинип алып күүгүм ченде алардын эшигин каккылайт.

- Кемпир, ким экенин карачы, - дейт кедей, ушул кезде аялдын боюнда бар эле.

- Бир адам турат, кыязы бир бечара го? - дейт аялы эшикти ачып карап.

- Кир де байбиче, биз ким элек, ким болдук, колдон келсе бечараларга жардам бергенге жетеби? - дейт кедей. Каргадай кирип босогого бүжүрөй отуруп калганда, - Өйдө өт мусулманым, мен да сендей бир кудаанын кулумун, ушул жашка келип жыртык кийим кийип, кардыбыз ашка жетпей эми мына минтип Каргадай достун арты менен адам катары болуп отурам, - деди кедей. Үн дебеген кудайы конок ичинен ыраазы болот: "Эртегиси

эсинен кетпей ойлонуп иш кылган адам экен, менин баалуу буюмум өз ээсин тапкан тура, ач көз бекен деп жүрдүм эле, кудай буларга кетпес дөөлөт бер, ынсаптуу адамда байлык болсо элде ачка, жыртык кийимчен эл болбойт", - деп ойлонуп отурганда:

- Дасторкон жаяйынбы? - деди аялы.

- Жайыл дасторконду алып кел, мен Каргадай досумдун атагын чыгарышым керек.

- Макул, - деп алып келген аялы эңкейип, - Жайыл дасторкон! - деп өйдө болгондо, - Ий деп белин кармап калды. Дасторкон үстү жайнайт, Каргадай ыраазы болуп салып берген төшөккө түнөп калды, түн бир оокумда аял толготуп жатып эгиз уул төрөдү.

- Оо кудайы коногум, ак жолтой болдуң эгиз уулдуу болдум, атың ким, бир балама сенин атыңды коемун, - деп кедей коногун ойготот, Каргадай эмне дээрин билбей:

- Менин атымды койбой эле Үмүт-Тилек кой, - деди.

- Ырас айтасың, Үмүт-Тилек деген жакшы эмеспи кемпир, улуусу Үмүт кичүүсү Тилек болсун, - деп кубанычка бөлөнүп калышат. Кырктан өткөнчө балалуу болбой жүрүп балалуу болгонго абдан сүйүнүп уулдарына жээнтек бергени жатып эки тай алып келет. Кедей чыч эшегин күн алыс чыгарып алып жардыларга таратып турат, анын атагы алыска кетет, бирок ал өзүн эмес Каргадайдын атын айтат:

- Каргадай деген бай берди, аны унутпагыла, - дейт ар күнү таратканда.

- Ой ал Каргадайдын малы ой түздүн баарын ээлеп калган имиш, ниети жакшы адам экен да, - дейт бири. Ошентип кедей Үмүт, Тилек менен бактылуу жашап, өрүшү толо мал күтүп, заңкайган боз үй тигип, эшигине кул-күң жумшап калат. Бирок ал кул-күңүн балдарындай көрүп бирге отуруп тамактанып жыргап куунап адилет бай деген атка конот экен, - деп Кымбат сөзүн бүтүрдү.

- Ай-ий со-онун жомок турбайбы ээ?

- Мага дагы жакты.

- Чыч эшек эмне болуптур анан?

- Ал кедейдин колунда калат, элге жардам берип өзү болсо Адилет бай деген атка конуп узак-узак жашаптыр.

- Ай-ий, кызык экен.

- Дагы жомок айтып бересизби?

- Эми эртең айтып берем, атаң келгенче тамак жасап коеюн, - деп Кымбат жылмая карап ордунан турду...

Искендер ызаланып кийимин кагынып туруп кетти, Каниет болсо кызды үйүнө алып келип тууган-уругу келип куттактап жатышты. Эркинай апасынын дарегин айтып берген соң эки-үч кишини Таласка жөнөтүштү, эртеси он чактысы болуп кыз кубалап келишти, Элдияр өзү баш болуп куда тосуп баарын өзү чыгарып келин алганга достору келип жатты. Жамал барган жок күндө кызуу болуп кеч келген күйөөсүн кекетип-мокото баштады.

- Балаңды көрбөй эле жүргөн экенсиң, аялың менен бир дасторкондо куда тосуп бактылуу болуп кеттиңби?

- Жамал, ушундай сөздү коюп жүр дебедим беле, ал да балам, Урмат экөөнүн айрымасы жок! - деди жинденген Элдияр, - Эмне жетпейт деги, үйдө чалкалап отурасың, кийимиң элден кем эмес, алтын десең алтын, күмүш модалуу десең күмүш аласың, эмнеге мынча тарлык кыласың?

- Сен ошо кеткен аялың менен жарашкың келип калды, келин алдым деп эле ошо жактан чыкпай калдың го, досторуң барса аны менен бир үй-бүлөөдөй болуп отурасыңар да, же жалганбы? - деп Жамал албууттана карады, - Кааласаң биротоло кете бер!

- Жама-ал! - Элдияр ачуусу келгенинен өңү кара көк болуп кетти, өзү толук неме ого бетер дем ала албай демиге баштады.

- Эмне, күйүп кеттиңби, чындык ошондой ачуу болот, аялыңа барам десең каршылыгым жок, азыр кете бер! - деп Жамал аны ого бетер жинине тийгенде көйнөгүнүн топчусун чечип ийип отуруп калды, кан басымы көтөрүлүп жатып калды, Жамал чыгып кеткен, Урмат кирип келип коркуп кетип дарысын бере койду.

- Ата, ата эмне болду?

- Эчтеке уулум, эчтеке...

- Эс алдыңызбы?

- Ооба, бир аз.

- Дагы апам экөөңөр уруштуңарбы?

- Боло жүргөн уруш да уулум.

- Деги эмне деген үй-бүлөөбүз деги, элдин ата-энесин көрсөң жакшынакай эле жашашат экен, Айзада деле чоңойду, анын деле теңтушу бар, бизди ойлоп койсоңор боло, - деп жинденип жатты Урмат.

- Капаланба уулум, апаң да ойлоноор...

- Эмне ал жашпы, элдей болуп базарга чыкпаса.

- Болду, апаңды антип айтчу болбо, - деп Элдияр баласын тыйды. Жамал сыртта аялдар менен сүйлөшүп отурушту, ал алган халаты менен сөйкөсүнө мактанып кирди эле бирөөсү:

- Ай, Элдиярдын мурунку аялынын баласы каттайбы? - деди.

- Ой, эки күндүн биринде эле салбырап келип калат.

- Байкуш, атасына келет да.

- Көргүм келбейт ошону, аны Элдияр үйлөнтүп, болгондун баарын берип жатат, анысы үчүн чачылганын айтпа, - деп мурдун чүйрүп койду.

- Өз баласы болсо үйлөнтөт да, ага киришпей эле кой, күйөөң сени менен жашап жаткандан кийин, баары бир тапканы сеники да, - деп аны жактырбай карады ал.

- Койчу ай Альмира, сен дагы кызык экенсиң, мен ажыратыптырмынбы, өзү таштаган, эми балам деп түшө калганы жакпайт.

- Сен эстүү эле аялсың, ичиңди кең сал, келсе сыйлап кой, - деди да Альмира анын сөзүн уккусу келбей ары басып кетти.

- Колумдан келсе кататпайм, жай келсе ошол катынын кайра алып алсын, - деп Альмирага жини келе отуруп калды.

- Апа, атамдын давлениесы көтөрүлүп жатат, келиңизчи, - деп Урмат чакырды эле сүйлөнүп, өзүнчө эле булкулдап үйгө кирди, - Мен үчүн ойлонуп жатат дейсиңби, же сен үчүнбү жанагы журтта калган баласы үчүн да, дагы эмне кылып ийсем, үй алып берсемби деп ойлонуп жаткандыр.

- Апа, алса алып берет да, андан көрө врачка көрсөтөлү.

- Чакыра кой, өлүп калбасын.

- Аа-ай апа ай, - Урмат чыгып кетти.

- Дегеле ошонусун уккум келбейт, ошол бойдон дайнын билгизбей жоголбой салбырап келип калганын, оокаты өтпөй, ачкадан өлөөрдө келди да, жанагы салбар энеси жөнөткөн да өлүп калаарда, - деп эбирей берди, Элдияр ички бөлмөдө жатып угуп алып: "Муну жин даарып калбады бекен, мындай эмес эле го, башкача болуп баратат, молдого дем салдырып койбосом акылынан ажырап калып жүрбөсүн", - деген ойго келди. Чынында Жамал ошондой болду, сыртка чыкса дагы өзүнчө эле сүйлөнүп жүрө берчү болду. Элдиярды врач көрүп укол сайып, дары бергенден кийин эс алып калды, ал төркү үйдө жаткан, сырттан кобураган үндөр чыгып жатканынан туруп барып караса колдорун серелеп ары карап алып сүйлөп жатыптыр.

- Жамал, ким менен сүйлөшүп жатасың? - деди чоочулай.

- Көрдүңбү, булар ушундай, сен мага акылыңды айтасың, а булар мени жаман көрөт, мени угушпайт, ооба-ооба сен айткандай гана кылбасамбы, азыр мен кирем да өлтүрөм! - деп бери караганда Элдияр жетип калган, чоочуп кетти, жалт эте кайра артын карады, - Сенин айтканыңдай болот, - деди да Элдиярга, - Сен эмнеге мени аңдып жүрөсүң? - деди акырая.

- Жамал, эсиңе келчи, балдар ойгонуп кетпесин, үйгө кир.

- Ийи, үйгө кирбесем эмне кыласың, жата бербейт белең жабышып, - дегенде Элдияр токтоо карап колтуктап алды.

- Кир үйгө, караңгыда эмне бар?

- Кирбегенде кайда бармак элем? - деди да өзүнө келе түшүп үйгө кирди, - Төшөк салайын ээ?

- Төшөктү Айзада салып койгон, жатып эс алалы, - Төркү бөлмөгө алып кирди, - Чарчадың, жатып эс ал.

- Менби? - деп койду Жамал, - Эмнеге чарчамак элем?

- Бир үйдүн түйшүгү деле оңой эмес байбиче, кечке кир жууп, тамак жасап, кайра идиштерди жууп чарчайсың да, - Элдияр жумшак сүйлөп аны жаткырды.

- Элдияр, мени алдап жатасың ээ?

- Эмнеге алдамак элем, балдарымдын апасын аяп жатпайынбы.

- Жо-ок, сен кайра эле Каниеттикине кетип каласың, а мен сени аларга жибергим келбейт, барбай эле койчу, - деп жатып уктап калды, Элдияр аны карап туруп аяды: "Байкушум ай, кызганычтан өзүн билбей калбаса болду, сырттан жардам берип барбай эле коеюнчу, ага ошол айдаган Бусикти белекке берейин да башка жакка иште деп айтайын", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси башы ооруп ойгонду, жанында аялы жок, чоочуп кетти: "Балакет ба-ас, түндө бир жакка басып кеткен жокпу", - деп шашыла туруп эшикке чыкса жакшынакай эле болуп жуунуп кирип келе жатыптыр.

- Эрте туруп алыпсың го? - деди Элдияр.

- Мен го мен, сен эмнеге эрте турдуң, же дагы кудаларың келеби?

- Жамал, болду эми, ал сөздү унуталычы.

- Ийи, уккуң келбей калдыбы? - деп кыжырлуу күлдү, - Балаңды кантип таштамак элең, аялың сенсиз эчтеке кыла албайт, сен барбасаң болбой калбайбы? - Кергиштей сүйлөп каткырып алды, - Жыйырма беш жыл сени эле күтүп жүрүшкөн тура!

- Сөз жок, сага айтаар сөзүм жок, - деп Элдияр ажаткана жакка басып кетти.

- Бул ушинтет, мен мунун көзүнө албарстыдай көрүнүп калдым окшойт, бир күнү эки балам менен мени дагы таштап кетет, - деп эле сүйлөнө берди. Элдияр эптеп бирдеме кайсаган болду да жумушуна жөнөдү, анын сөзүнө жооп дагы кылбады, уул-кызынан тартынды, алар деле апасынан тажаган өңдүү. Элдияр ошондон кийин көпкө дейре эртең менен бир барып эле үйдө болуп калды, үйүнүн эки жагын карап, короодогу багын тазалап, шыпырып үйдө жүргөн, бир күнү үйгө кирип келе жатып Жамалдын үнүн угуп калды:

- Жамал, эмне болуп жатасың? - деди эле ал эчтеке укпагандай эле терезени карап алып сүйлөп жатты:

- Эй, мен эми сөзсүз ошентемин, сен мени кыйнабачы, ал мени таштабайт, калп айтасың, өлтүр дейсиңби? - Кантип өлтүрөм, аа-а сен жардам бересиңби, жо-жок сен көрүнбө, анда билип калат, макул сен айткандай кылам, - деп терезени карап унчукпай калды, - Кет эми, бирөө көрүп коет.

- Жамал, сен эмне болуп калгансың? - Элдияр ага жакындады.

- Келе жатат, кетип кал дейм, кантип сени көрбөйт, бар дейм!

- Жамал! - деп Элдияр кармап калды, - Эсиңе келчи, балдар көрсө коркот, өзүңө карачы!

- Эмне болду, мен корко турган болуп турамбы? - Жамал аны карап каткырып ийди, - Кана, каерим коркорлуктай болуп турат?

- Жок-жок, сенин кимдир бирөө менен сүйлөшкөнүңдү айтам.

- Ал менин досум, көңүлүмдү көтөрөт, акыл айтат, эмнеси бар экен? - деп ары басып кетти. Элдияр ойлонуп туруп кайненесин чакыртмак болду, эртеси эле таксистерден айттырып ийди эле эки күндөн кийин келип калды. Айымкан абдан акылдуу аял эле, кызынын ооруп калганын дароо эле билди, өзү киришип молдо алдыртып дем салдырды, ошондо молдо:

- Бир жаман жерди басып алган, жин-шайтан денесине кирип алып азгырып жатыптыр, катуу окубаса болбойт, бери жагы жети күн окуш керек, - деди.

- Жакшылап дем салыңыз, эчтекемди аябайм, балдарыбыз эми чоңоюп калганда ооруп калганы жаман, - Элдияр молдого жалдырай карады.

- Кам санаба балам, аял киши өтө жеңил, жумшак болгондуктан алсыздыгынан берилип кетет, шайтанга алдырып коет, - деп молдо дем салууну баштаганда Жамал апасы менен Элдиярга кайрылды.

- Мени жинди болуп калды деп жатасыңарбы, кудай сактасын таптазамын, - деп бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо Алымкан:

- Отур, каякка барасың, эсиң менен бол! - деп катуу айтканда гана унчуга албай отуруп калды. Молдо кеткенден кийин сөз уланган жок, кеч киргенде Жамал сыртка чыгып кирбей кечиккенинен улам Айымкан чыгып эки жакты караса тамдын артына бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр:

- Эмнеге жакын жолой албайсың, молдодон коркосуңбу, эмнеге?

Макул качып кетейин, азыр-азыр качып чыгам, каерден күтөсүң, ушул жерденби, мына-мына сени менен кетем, - деп ордунан туруп жөнөгөндө Айымкан келме келтирип жетип барып кармап калды.

- Лайилохо иллолло, лайилохо иллолла! - Жулкунган Жамалга алы жетпей зорго кучактап туруп, - Урма-ат, Элдияр! - деп кыйкырды эле алар жетип келишти, Жамал кыйкырып-өкүрүп жатты:

- Кое бергиле мени, мен азыр кетем, мени күтүп жатышат, кое бергиле дейм! - Аны зорго ичкериге алып киришти, андан кийин түндөп молдону алып келгенде Жамалдын оозу кыйшайып, бир жагынан көбүк куюлуп жатып калган.

- Күчтүү жин-шайтан башкарып алган, үйүңөргө арак-шарап жолотпогула, күн сайын ысырыктап желдетип таза кармагыла, - деди да молдо түнү боюу дем салып чыкты, таңга маал эсине келип көзүн ачып баарын бир сыйра карап чыкты да:

- Мага эмне болду? - деди.

- Эчтеке, бир аз табың айнып калды кызым, жата гой.

- Сен качан келдиң апа? - деп таңгалды. Көрсө көптөн бери эле эс акылынын баарын арбап, көзүнө башка нерселер көрүнүп калган экен.

- Кечээ эле келдим кызым.

- Апа, бүткөн боюм бүт ооруп жатат да.

- Эчтеке эмес кызым, сууктап калсаң керек?

- Ошондой го? - деп кайра унчукпай калды.

- Менин келгенимди кечээ көргөн жоксуңбу Жамал?

- Үйдө жокто келсең керек да.

- Ооба, сен бир жакка кетипсиң.

- Каякка? - деди кайра.

- Кайдан билем кызым, теңтуштарыңдыкына бардың да.

- Аа-а чын эле, - деп койду, андан кийин Айымкан дагы үндөбөй кымтылап койду, таң аткандан кийин молдо өзү келди да дем салып кетти, жети күн дем салгандан кийин өзүнө келип калды, баягыдай Элдияр менен урушпай, таңкы тамагын берип, кечинде келсе кадимкисиндей күлүп-жайнап тосуп алат. Ага Элдияр дагы кубанып жүрдү, бир күнү:

- Каниет келбей калды да, ал үйлөнөм деп жатабы? - дегенде Элдияр оозундагы ашына чакап кете жаздап токтоду.

- Ооба-ооба, үйлөнөм деп жаткан.

- Сен өзүң көз болбосоң болбойт, кантсе дагы атасы эмессиңби? - деди жай гана.

- Туура, үйлөнсө барабыз да...

- Каерлик экен ала турган кызы?

- Өзүбүздөн эле, - Элдияр таңгалып жатты: "Кудай сактай гө-өр, буга эбактан эле оору жабышкан экен да, ошолорду билбесе дагы кудай өзү сактаптыр", - деп ойлонуп кетти.

- Ишиң кандай? - деди анан.

- Баары жакшы, - Элдияр ойлоно калды, - Жамал сага Ыссык-Көлгө путевка алып берейин, Айзада экөөңөр барып эс алып келесиңерби?

- Макул, а сенчи, чогуу үй-бүлөөбүз менен барбайлыбы?

- Менин жумуштарым көп байбиче, сен кызың менен барып кел.

- Болуптур, - деди Жамал. Элдияр жумушуна барып андан ары алтын дүкөнүнө барды да алка менен сырга сатып алды: "Көңүлүн көтөрүп коеюн, анан дагы бир баса окутайын, кудай сактаган экен, өткөндөрдү билбесе мени өлтүрүп деле коймок тура, буга жакшы мамиле жасап таза айыкканча карап турайын, байкушум ушундай жакшы аял эле дейм да", - деп ойлонуп түштө үйүнө келди.

- Келдиңби? - деди Жамал ага.

- Ооба, мен сага бир белек алып келдим.

- Эмне белек?

- Мына муну, - Элдияр алка менен сырганы көрсөткөндө күлүп ийди:

- Оо-ой-ий, мунуң абдан кымбат го?

- Сен, баларым гана мен үчүн кымбатсыңар, бул болгону буюм байбиче, сен экөөбүз, адамдар ушунчалык боло албайбыз, а булар канча жыл жерде жатса да ушул бойдон дагы бирөөнүн колуна тийет, кубаныч тартуулайт, а биз жок болобуз бир кезде, - Элдияр өзү алканы мойнуна салды, - Кут болсун, - Бетинен да өөп койду.

- Элдияр...

- Эмне болду?

- Жаңы үйлөнгөндөй мамиле кылдың го? - Күзгүгө каранып жылмайып койду, - Мен сага таңгалып турам.

- Таңгалба алтыным, сени каалап алганым жалган беле?

- Аның туура дечи, рахмат сага, - деди наздуу. Экөө андан кийин турмуш тиричилик жөнүндө сүйлөшүп отурушту...

Айбек үйлөнгөндөн кийин көпкө чейин балдарынан санааркап жүрдү, Кымбатка ишене албай кечинде келгенде балдарынын кабак-кашын карап, кийим-кечесин карап ичинен ойлонгонун сыртына чыгарбайт. Дастан, Нурлан менен Шахзат болуп бир күнү чогуу келип калышты. Бакылдашып отуруп:

- Айбек, Кымбат экөөңөрдүн үйлөнүү тоюңарды өткөрөлү, - деди Шахзат, - Кымбат менин бөлөм эмеспи, баарын мен өзүм көтөрөм.

- Эми той өткөрүп биринчи күйөөгө чыгып жаттым беле? - деп Кымбат күлүп калды.

- Эмнеси бар экен, башка элдерде кемпири чыкса дагы свадьба берип үйлөнүшөт го? - деди Нурлан, - Кыргызстандан биз баштап коебуз.

- Койсоңорчу, кыргыз-кыргыздыгын эле кылган жакшы, - Айбек дагы моюн толгоду.

- Болот, эртең мен чакыруу билеттерин жасатып келем, - Шахзат бүтүм чыгара сүйлөдү, - Менин бөлөм өзү жалгыз кыз болсо, эсинде кала тургандай болсун.

- Шахзат койсоңчу? - деди Кымбат.

- Койбой эле, ошону сүйлөшкөнү келгенбиз, чыгымдын баарын өзүм көтөрөм, - деди да беркилерге карады, - Кеттикпи анда?

- Кеттик, калганын өзүбүз бүтүрөбүз.

- Койсоңорчу балдар, болбойт го? - деп Айбек аларды узатып чыгып ыңгайсыз абалын билгизбей күлгөн болду, алар аны далыга таптай унаага отуруп жөнөп кетишти, ал ортодо Каниет үйлөнүү тоюн өткөрмөк болуп чакыруу билетин таратып жүрдү, Элдиярга Дастандын аялы Алина жакын карындаш боло турган, аларга чакыруу билети келгенде алар төрт досу менен бирге кыз-күйөөгө баалуу белек алып келип калышты, Шахзат менен Элдиярдын мамилеси дагы жакшы эле. Той абдан жакшы өттү, тойдо Жамал да болду. Эркинай менен Каниет бакыт үйүнөн чыгып келе жатканда Искендер дагы үйлөнүп кирип бараткан, бири-бирин карап коюп өтүп кетишти, кызыгы Искендер кайра эле Алмаштын бир тууган агасынын тун кызын ала качып алган. Аны Эркинай уккан эмес, азыр көрүп жылмайып койду, Каниет дагы көрүп келинчегинин колун кысып:

- Бактылуу болушсун, сага эрегишкен го? - деди кулагына шыбырай.

- Балким ошондойдур, бирок туура болуптур.

- Кызды тааныйсыңбы?

- Жок көрбөпмүн.

- Жүрү, тигилер күтүп калышты, - деди Каниет, алар келе жатканда сүрөткө тартып жатышты. Бурма кызынын тоюн камерага тарттырып жүрдү:

- Кыз-күйөөнү көбүрөөк тарткыла, анткени ошолордун күнү эмеспи, - деп коет улам. Кечинде ресторанда болушту, Шахзат сөз сүйлөп төрт досунун атынан белек тапшырды, Дастан менен Алина өздөрүнчө сүйлөп белек беришти, андан кийин ырдап бийлеп, ырчыларга кезек келди. Элдияр уул-келинине үйдүн ачкычын берди. Бурма үй эмерегин берди. Тойго келгендер тамшанып тарашты. Андан кийин Шахзат Айбек менен Кымбаттын үйлөнүү тоюн өзү көтөрүп өткөргөндөн кийин өздөрүнчө отурушканда Нурлан сыртка чыгып кетти, Толгонайдын айы-күнү жетип турган, анын артынан чыккан Шахзат Нурландын жанына барып чылым түтөттү.

- Убакыт деген кызык ээ? - деди Нурланга кайрыла.

- Убакыт го убакыт, адамдар андан дагы кызык.

- Муну менен не демексиң?

- Түшүнбөгөндөй болбо, досумдун кыйын кезде кол сунбаганы мени алиге таңгалдырат.

- Ыраспы? - деди Шахзат каткыра, - Толгонай бери чыкчы!

- Эмне болду?

- Сен ким экениңди айтчы!

- Анын тиешеси канча? - Нурлан ачуулуу карады.

- Үйгө киргилечи Нурлан, - деди Толгонай, Нурлан алды менен кирди, аны ээрчий Шахзат кирип келе жатканда Толгонай башка бөлмөгө ээрчитип кирсе аерде Алмаш, Баймат менен Зууракандар отурган. Нурлан алар менен учурашып анан отура кетти, ошондо Баймат Нурланга кайрылды.

- Уулум, сен дагы эле досуңа таарынып жүргөн шекилдүсүң го? - деди жылмая.

- Жок-жок, - Нурлан шашып калды, - Таарыныч жок, унуткамын.

- Эмесе угуп тур, Шахзаттын атасы менмин, досуң сенин өзүнүн алдында басынып турганыңды көргүсү келбей мен аркылуу жардам берген, Толгонай болсо биздин эң көкүрөк күчүгүбүз, силердин достугуңардын арты келип бир тууганга айланды, - дегенде Нурлан Толгонай менен Алмашка карады эле алар туура дегендей баш ийкеп коюшту.

- Балам, сен дагы жаман жигит эмессиң, ошондуктан Шахзат карындашын сага ыраа көрүп отурат, бул оюнуңарга катышып мен дагы Толгонайдын апасы экенимди билгизбей кыйналып жүрбөдүмбү, - деп Зууракан күлүп калды, - Кел балам, сен дагы менин баламсың.

- Эмне дээримди билбей калдым, - Нурлан кызарып кетти, - Ыраазымын ата, апа, сиздерге ыраазымын, - деп Зуураканга жакын келгенде ал чекесинен өөп:

- Кудай бактыңарды ачып, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун! - дегенде Нарынбай менен Кундуз кирди, Нурлан ого бетер таңгалды.

- Бул биздин достугубуздун, чырмалышкан туугандыгыбыздын тою, ушул тойго себеп болгон Айбек менен Кымбатка бак-таалай каалап үчөөбүздүн атыбыздан бир машина! - деди кирип келген Шахзат. Алмаштын эң улуу агасы Бексултан менен аялы Касиет, Искендер менен Таалайкан келип тойду улантып калышты. Достор бири-бирин тамашалап жатканда Шахзат мостое түшүп:

- Эх-хей, көзүңөргө карагыла, мен кайынагаңармын! - дегенде үйдөгүлөрдүн баары кыраан-каткырык салып күлүп калышты. Нурлан:

- Жок дегенде сен оюндан чыгып мага айтып койбойт белең? - деди Толгонайды эркелете мурдунан чымчый шыбырап. Алар бийлеп жатканда Айбектин үч баласы, Дастандын эки баласы кошо бийлеп чечекейлери чеч боло ойноп жатты. Ааламдын кеңдиги, пейилдин тазалыгы, дүйнөдөгү ач көздүн көрө албастыгынан жогору туруп, адамдын бейнесин ачып коет экен го? Канчалык кардың тоюп турса дагы бир күнү ач болооруңду унутпа деген экен. Төртөө боз бала кезинде дубандын төрт тарабынан келип Союздун ыдыраар кезинде окуп калышкан. Эми минтип бири-биринен алыс кете албай турган болуп камырдай жуурулушуп, чырмооктой чырмалышып бир дасторкондон даам таткан орто жаштардагы жигиттер. Балага ата, бактылуу жар. Ылайым элимдин ынтымагы арта берсин.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз