Айгүл ШАРШЕН


"Буйрук"


Кубаныч балдар үйүндө өскөн экен, - деди мени менен кобурашып отурган Алмагүл, - Аны үч жашында апам өзү аргасыз алып келип таштаган экен. Күбөлүгүнө кошуп кат жазып таштаптыр...

Гүлсүн бир үйдүн эрке, жападан жалгыз кызы, ата-энеси анын көзүнүн агы менен тең айланып турушат, бирок Гүлсүн акыл-эстүү кыз болуп өстү. Мектепти бүткөн соң мединститутка өтүп окуп калды, кадимки кыздардай эле жатаканада жашап, китепканадан кетпей кесибине берилип окуп жатты, атасы Дыйканбай менен Нуржамал тапкан-катканын кызына жөнөтүп турат, алар экөө тең алтымыштан өтүп карылыкка баш ийе баштагандыктан өздөрүнчө кеңешип Гүлсүндү өздөрүнө жакын жерге күйөөгө бермек болушат. Экинчи курсту бүтүп келгенде экөө айланып-кагылып, берээрге эчтекесин таппай казан асып, дасторконун жайнатып отуруп бири-бирине: "Сен башта, сен башта", - дегендей ымдап калышат. Ошол кезде Гүлсүн:

- Ата, эмнеге эле ымдашып жатасыңар? - деди күлүп.

- Кызым, - деди Дыйканбай тамагын жасап, - Сен эми чоңойдуң, биздин маңдайыбызга бүткөн жалгызыбызсың...

- Сенин балдарыңды көрсөк дегенде эки көзүбүз төрт, - деп Нуржамал ары жагын коштоду.

- Апа, окуумду бүтөйүн.

- Жо-ок балам, турмуш куруп алып деле окуй бересиң.

- Ооба-ооба, сени келин кылып алабыз деп келип жаткандар бар кызым.

- Койгулачы, эмитен эле күйөөгө чыгып эмне? - Гүлсүн ата-энесине таарына сүйлөдү, - Анын үстүнө өзүм тааныбасам эле кантип?

- Тааныйсың, карасак кашыбызда болосуң, биз картайып калдык, кокус алыс жерге түшүп калсаң биздин күнүбүз эмне болот? - деп кайраттуу айтты Дыйканбай.

- Ошону айтсаң, жете албай куурабайбызбы ботом?

- Апа-а - Ата-а, мени түшүнгүлөчү, силер азыр жапжаш элесиңер, мен окуумду бүткөнчө күйөөнүн атын угузбагыла, - деп ордунан туруп кетти.

- Ай балам ай, Эркин жакшы бала, ата-энеси андан жакшы адамдар, бизди сыйлап куда бололу деп жатышат, Эркин дагы сени жактырат экен, сенин кийинкиңди ойлонуп жатабыз да, - деп кейий сүйлөдү Дыйканбай. Ошону менен унчугушпай калышты, бир ай жүрүп анан Гүлсүн шаарга кетти. Дыйканбай менен Нуржамал кызынын көңүлүн ооруткусу келбей сөз жаңырытышпады. Гүлсүн шаарга келгенден кийин китепканадан чыкпай билимин тереңдетүүнүн үстүндө болуп жатты. Бир күнү китеп окуп отуруп кеч калганын сезбей калыптыр, эки жагын караса өзү эле отурат, шашыла туруп китептерин жыйнап баратканда аркы жактан бир жигит чыгып келе жатыптыр, бири-бирин карап босогодон жол талашкандай:

- Кана, өтө бериңиз, мен сизден кийин, - деди жигит жылмая колун жаңсай.

- Рахмат, - деген Гүлсүн босогону аттап чыгып тез-тез басып жөнөдү.

- Сиз дайыма келесизби? - деди тиги жигит жете келип.

- Ооба.

- Кайда окуйсуз?

- Мединститутта.

- Оо, врач болот турбайсызбы?

- Ошондой.

- Менин атым Бекзат, таанышып алалы, - деп Бекзат колун сунду, - Мен Сельхозинститутта окуйм.


- Гүлсүн, - деп кыз ага көңүл бөлө карап колун берди.

- Чындап эле бирөөнүн гүлү экенсиз.

- Рахмат мактооңузга.

- Сизге дагы рахмат, - Экөө ээрчише жай басып аялдамага келишти, экөөнүн күткөнү бир троллейбус болуп чыкты, бир эле аялдамадан түшүштү, - Бирге барып келет турбайбызбы? - деп Бекзат күлүп аны узата карап калды. Бир эле имараттын эки подъездине кирип кетишти. Эртеси дем алыш болгондуктан Гүлсүн чыкпады, терезени карап турса терезелерди карап сыртта Бекзат басып жүрүптүр. Боюн тартып алды эле ышкырык чыкты, ал байкап калган экен, ошол бойдон Гүлсүн көрүнбөй калды.

Аңгыча окуу башталаарына аз калганда Жайна келди, экөө жаңы окууга келгенден баштап эле абдан ынак, экөө кайда барса бирге жүрүшөт. Жайнанын жигити бар, ага жолугуп келгенде сөзү бүтпөй Гүлсүнгө айта берет, анда ал күлүп коюп отура берет. Экөө тамактанып келип анан сүйлөшүп отурушкан, Жайна Гүлсүнгө бурулду:

- Гүлсүн, мени быйыл алып кетем деп жатат, эмне кылсам, макул болоюнбу же кое тур дейинби?

- Үйлөнөлү дейби?

- Ооба, ата-энеси үйлөн деп жатыптыр.

- Өзүң кандай ойлойсуң, даярсыңбы?

- Билбейм, бирок Асылды сүйөм.

- Байкап көр, сүйсөң макул боло бер.

- Апам жалгыз калат, ошондон корком да.

- Барып турасыңар, мурда жалгыз барсаң, эми экөөңөр барасыңар, апаң кубанып калат.

- Чынында мен жалгызмын, атамдын туугандары деле бар, бирок апам бир үйдө жалгыз калаарын ойлосом ичим ачышат, - Жайна кабак бүркөй карады, - Билесиңби Гүлсүн, жалгыздык өтө жаман экен.

- Курбум, мен дагы жалгыз кызмын, атамдарды аяп кетем, бирок азырынча алар бири-бирине эш болуп анча билишпейт, өткөндө эмне дешкенин билесиңби?

- Эмне деди?

- Күйөөгө чык, небере көрөлү дешет, - Гүлсүн ойлуу жылмайды, - Ойлонуп көрсөм алардыкы туура окшойт.

- Чын эле...

- Алар менин алыс жакка кеткенимди каалашпайт, жанында гана болгонум керек.

- Туура ойлошкон, жалгыз кыз болсоң, алыска тийип кетсең кеч каттайсың да, - деди Жайна, - Менин апам да ошентип айтат, бирок Асыл шаардык, мен аны сүйөм, апам эмне дейт билбейм.

- Менин го жигитим жок, эч ким менен сүйлөшпөйм, атамдар өз айылыбызга берем дейт, кандай болоорун элестете албайм.

Экөө көпкө сүйлөшүп жатып анан уктап калышты. Эртеси алар сабактан кийин китепканага барып анан кечке маал чыгып келе жатканда Бекзат жолугуп калды:

- Кандай кыздар?

- Жакшы, - Гүлсүн жооп кылганда Жайна курбусун карап коюп:

- Эң сонун, - деп таңгалгандай карады, - Силер таанышсыңарбы?

- Ооба, сиз менен деле таанышып коебуз, менин атым Бекзат, байкашымча сиз Гүлсүндүн курбусу болсоңуз керек?

- Таптыңыз, айтып берчүңүз болсо керек.

- Мүмкүн, - Бекзат жылмая Гүлсүндү карады, - Окууңар кандай?

- Жайында.

- Менин атым Жайна?

- Өзүңүз дагы жайнаган кыз экенсиз.

- Рахмат, мактоону жактыра бербейм.

- Кечиресиз, эрке кыз болсоңуз керек?

- Таптыңыз, - Жайна унчукпай бир аз баскан соң Гүлсүн аны токтотту:

- Сен мени башка жолго сал, ал жатакананы билет, андан кийин кетебиз, - деп шыбырады.

- Жарайт, - Жайна Бекзат менен катарлаша баратып, - Гүлсүн, биздин жолубуз бул жакта, - деди.

- Аа-а, унутуп кеткен турбайынбы? - Гүлсүн жылмайган болуп эки ача жолдун сол жагына өттү.

- Жатаканага барбай калдыңбы Гүлсүн?

- Жо-ок, курбум менен бирге жашап жатам.

- Аа-а, жакшы баргыла анда.

- Жакшы барыңыз, - деп кыздар ары көздөй басышты, Бекзат эч нерседен капарсыз кетип жатты.

- Гүлсүн, эмне сага бул жигит сөз айттыбы?

- Жо-ок.

- Анан эмнеге жатаканада жашаганыңды жашырдың?

- Жолуккум келбейт.

- Жакшы эле жигит экен го? - Жайна курбусун күлмүңдөй карады, - Ачыгын айтсам жигиттин гүлү экен.

- Болсо боло берсин.

- Койчу курбум, жигиттерге мындай мамиле жасаганың болбойт.

- Көп сүйлөбө, кеттикпи андан көрө.

- Кеттик, кардым ачып кетти, ашканадан тамактанып алалычы.

- Макул, менин да кардым ачты.

Экөө ээрчишип ашканага кирип чыгып андан троллейбуска отурушту, алыстан аларды байкатпай карап турган Бекзат унчукпай троллейбустун артынан түштү: "Эмнеге менден жашырынып качат, менин үй-бүлөөм бар экенин айтып койсомбу", - деп артынан келип кирип кетти. Гүлсүн андан кийин дагы андан качып жүрдү, бирок өзү сүйүп калганын сезбеди, аны көп ойлончу болду, күндө каршысынан чыга калган Бекзат салам айтып туруп калат, бирок Гүлсүн анын кээ суроосуна жооп берсе, кээ сөздөрүн укпагандай мисирейип тим болот. Бүгүн дагы карп-күрп беттешип калышты:

- Кандай Гүлсүн, окуулар жакшыбы?

- Жакшы, өзүңөрдүн окууңар кандай?

- Баары жакшы, Гүлсүн эмнеге менден качасың, же мен адамдан башкача бекенмин?

- Качканым жок.

- Жолугушуп турбайлыбы?

- Убактым жок.

- Тапса болот го, Жайна көрүнбөйт да?

- Жайна тойго камынып жүрөт.

- Турмушка чыгабы?

- Ооба.

- Бактылуу болсун, менден салам айт.

- Макул.

- Өзүң качан чыгасың? - Бекзат тамашалай күлө карады.

- Азырынча жок.

- Эмнеге, жаккан жигиттер жокпу?

- Мен азырынча турмушка чыкпайм.

- Сени сүйгөн адам болсочу?

- Мен даяр эмесмин.

- Кантип эле, кыздар он алты жашынан даяр болуусу керек.

- Мен кечиктим, - деп Гүлсүн басып кетмек болгондо Бекзат:

- Гүлсүн, мен сага бир сөз айтайын дедим эле, - деди.

- Убакыт жок, анын үстүнө экөөбүздүн ортобузда сөз болушу мүмкүн эмес, - Гүлсүн басып кетти, Бекзат андан калбай келе берди:

- Эртең жолугушалы.

- Жок бошобойм.

- Гүлсүн, өтө текеберликтин кээде зыяны тийип калышы мүмкүн.

- Өз убалым өзүмө.

- Аның туура, болуптур анда, кездешкенче, - деген Бекзат өз жолуна түштү: "Менин аялым, бир балам бар, эмнеге буга азгырылып туруп алдым, өзүм дагы оорукчан болсом, аялымды сүйбөй жашап өтөмбү, Гүлсүн аруу кыз, анын жан дүйнөсүн оорутканым болбойт, кандай кылсам экен, бир жашап өтчү өмүрдө мен дагы каалагандай өмүр сүрүүгө акым бар го", - деп ойлонуп үйүнө барып аялын төркүнүнө жөнөтүп иймек болуп жатты. Алтынай деле жакшы келин, уулу бир жарым жашар, аты Эрмек, чулдурап сүйлөп, там-туң басып калган. Бекзаттын ата-энеси жок, үч бир тууган, улуусу үй-бүлөөлүү, ортончусу да өзүнчө, Бекзатты агасы оорусунан улам эрте үйлөнтүп коюшкан, бала кезден жүрөгү оорукчан. Жакында врачка көрүнүп операция жасабаса болбойт дешкен. Ошондон бери ал таптакыр жашоодон үмүтүн үзүп дагы койгон, бул оорусун аялына айтышкан эмес. Үйүнө келген Бекзаттын кабагы салыңкы экенин көргөн Алтынай:

- Эмне бир жериң ооруп жатабы? - деди.

- Чарчадым, бир жактан үй-бүлөө багыш үчүн иштешим керек, окуу бир жагынан кыйнайт.

- Иштебей эле койсоңчу, мен атамдарга барып келейин.

- Эмнеге бармак элең?

- Акча, эт-пет алып келем да.

- Койсоңчу, аларды кыйнаганда эмне.

- Эмнеге кыйналмак эле, кой сойдуруп, мал саттырып келем, - деп Алтынай чын дилинен айтканда Бекзат жым дей түштү.

- Өзүң бил, капа болбойбу анан?

- Капа болбойт, алар өздөрү деле сен окууңду бүткөнчө жардам беребиз дешкен.

- Мейли, бирок жардам сурагандан көрө сен айылда боло бербейсиңби?

- Эмнеге?

- Сени баладан улам кыйналып кетеби дейм да.

- Мен кыйналбайм, сен окууңду окуй бер, - деп Алтынайдын кеткиси жок, эптеп шылтоо тапмак болду эле болбоду, андан кийин баласын эркелетип унчукпай калды, эртеси ал Гүлсүндү жатаканадан чыкканча күтүп бирге кетти. Ошондон тартып экөөнүн ортосу бир топко жакындап көп жолукчу болду, Гүлсүн бара-бара Бекзатты сүйүп калганын билди, бирок андан ашыкча кеп чыкпады. Алтынай төркүндөрүнө кетип тамак-аш менен бирге акча берип ийип өзү келбеди, анткени анын апасы ооруп төшөктө жатып калган экен. Бекзат кубанып кээде ага-эжесиникине барып, көпчүлүк убактысын Гүлсүн менен өткөрүп калды.

- Гүлсүн, - деди бир күнү Бекзат, - Мен сени сүйөм, бирок ата-энем жок жетиммин, мендей жетимди сен теңиңе албайсың го? - деп сабыры суз карады.

- Бекзат, менин ата-энем бар, өзүм жалгызмын, алар мени өз айланасынан чыгаргысы келбейт, алыс жакка барба деп жатат.

- Гүлсүн, мен жетим баламын, кайда болсо бара берем, сенин ата-энең менин дагы ата-энем болуп калат, - деди сынай караган Бекзат.

- Чын элеби, бирок менин ата-энем экөө тең менин бактылуу гана болушумду каалашат, аларга айтышым керек экен.

- Шашылба, окуубузду окуй берсек акыры үйлөнөөр убакыт келет, сенин алагды болушуңду каалабайм.

- Аны го түшүнөм..

- Башкысы биз бири-бирибизди сүйсөк болду.

- Туура, - деп Гүлсүн ойлонуп калды, ошондон баштап экөө бакта сейилдеп көп жүрчү болду, Жайна турмушка чыкты, экөө бирге барышып аны куттуктап жанында болушту. Алтынай жазга чейин тамак-аш менен акча жөнөтүп турду. Бекзат окуусуна барып андан кийин Гүлсүн менен бирге болот, бир күнү жашаган бөлмөсүнө чакырды, Бекзаттын туулган күнү болчу, экөө тамак жасап, винодон аз-аздан ичип отуруп кыздын ийининен ала өзүнө тартып кучактады эле үндөгөн жок, ал турсун ага жөлөнүп отуруп:

- Бекзат, мен сени мынчалык сүйөм деп ойлогон эмесмин, - деди.

- Жаңы таанышканда ар дайым эле кандай болуп кетээрин биле коюшпайт да.

- Чын эле, мен такыр эле сүйүүгө кабылам деп ойлобопмун.

- Мен дагы, - деп келе жатып эле Бекзат кызды кучактаган бойдон кыңкайып, чоочутуп албас үчүн төшөккө жаткырып көкүрөгүнө башын жөлөп анан акырындап өөп кирди. Кызга бул нерсе жактыбы же өзү дагы улуу сезимдин күчүнө баш ийдиби каршылык кыла албады. Ошол күнү алар бирге болушту, Гүлсүн өкүнгөн да жок: "Мени Бекзат сүйөт, экөөбүз үйлөнөбүз, атамдарды кубантып жанында болобуз", - деген таттуу кыялдарга берилип убакыт өтө берди, андан кийин дагы көп жолу бирге болуп арадан үч айдай өткөндө Бекзат дайынсыз жоголду. Бир жолу Гүлсүн аны издеп барса үйү кулпулануу экен, жакын коңшусунан сурамак болуп эшигин такылдатты.

- Ким керек? - деп орус аял эшигин ачып суроолуу тигилди.

- Бул коңшуңуз кайда кеткенин билбейсизби?

- Бекзатпы?

- Ооба.

- Анын аялы келген, бир жакка кетишти го?

- Аялы дейсизби? - Гүлсүндүн көздөрү алайып кемпирге ишене бербей туруп калды.

- Ооба, аялы баласы менен ата-энесиникине кеткен, кечээ келишкен, - деди кемпир билгенин божурай.

- Кечиресиз эне, баласы дагы барбы?

- Ооба кызым, баласы басып жүрөт, - Кемпир ойлоно калып, - Баса өткөндө келген эмес белең? - деди.

- Жо-ок эне, сизге рахмат, - деп башына келтек тийгендей теңселе туруп калды да, - Бекзаттын ата-энеси да барбы? - деди.

- Аа-а кызым, мен Бекзатты бала кезинен билем, ата-энеси жок, эки бир тууганы бар.

- Рахмат сизге, - Гүлсүн артына бурулуп басып кетти.

- Бара гой кызым, - деп кемпир башын чайкай көпкө карап туруп эшигин жаап алды, Гүлсүндүн көзүнүн жашы көл болуп жатаканасына келди, Жайна кеткенден кийин Нуркыз, Айжамал деген эки кыз келген, алар бөлмөдө жок экен, керебетке боюн таштап өксүп жатты: "Алдамчы акмак десе, аялы туруп мени алдаган экен, убалым жетсин", - деп боздоп жатты. Өлгүсү келди, туруп барып толгон дарыларды алып келип эми ичкени жатканда кыздар кирип келди эле колундагы дарыны уучтаган бойдон туруп калды:

- Гүлсүн, сен китепканага барган жоксуңбу? - деди Нуркыз ага.

- Жо-ок, ооруп жатам, - Гүлсүн керебетине келип жатып алды.

- Көңүлүң жок, бирөө капалантып койдубу деп ойлогонбуз, көрсө ооруп жаткан турбайсыңбы? - Айжамал анын жанына келди, - Дары ичтиңби?

- Жо-ок, жакшы болуп калаар.

- Эртең сабакка бара аласыңбы?

- Көрөм, - деп койду акырын. Ошол бойдон алар дагы унчукпай жатып калышты, Гүлсүн дарыны бир жей албасын билип сууга тургандан тартынып бирден жеп баштады эле ар кыл дары оозун ачууга толтуруп иче албай ойлонуп жатып уктап кетти, түндөсү жарыкты күйгүзүп суу ичмек болгон Нуркыз уктап калганда чачылган дарыларды көрүп таңгала карап туруп эңкейип карап Гүлсүндүн колунан түшкөнүн көрүп Айжамалды ойготту, экөөлөп аны да ойготту эле койнунда ар кандай дарылар толуп жатканын көрүштү:

- Гүлсүн, бул эмне кылганың, өлүп калсаң эмне болот? - деди Айжамал үрпөңдөй.

- Өлгүм келет, - деп кайра ыйлап ийди Гүлсүн.

- Жинди болдуңбу, анчалык эмне болду?

- Эчтеке сурабагылачы менден? - Жатып алып ыйлап жатты.

Эки кыз соорото албай таң атканча отурушту, эртеси сабакка баргандан коркуп Нуркыз калып Айжамал кетти, Гүлсүндү кайтармак болушту. Гүлсүн абдан кыйналды, абийиринен айрылып, ата-энесинин жүзүн кароо ал үчүн өлүмгө тете болчу, бир туруп аларды кыйнагысы келбей эптеп өзүн колго алууга аракет кылат, өзү жок болсо алардын кандай абалда калаарын билет. Бир туруп баарына кол шилтеп өлүүгө даяр, бирок мындан дагы оор, мындан дагы азаптуу күндөрү али алдыда экенин сезбеди, анткени анын ичинде түйүлдүк өсүп келе жаткан эле. Ал талгак болбоду эч нерсе билинбеди, арадан он чакты күн өткөндө өзүнө келип, бар арманын муштумдай жүрөгүнүн тереңине катып, сүйүүнү жек көрүп, көңүлү калып, эркек аттууну көргүсү келбей калганда жатаканадан чыгып баратып Бекзат жашаган үйдүн эшигинде топтолгон элди көрүп элээ карап туруп калды: "Эмне болду экен", - деген ойдо аны бир күч ошол тарапты көздөй жетелеп жөнөдү, жакындаганда аялдын чаңырыгы менен эркектердин өкүрүгү угулду. Жай басып келе жаткан кыз делбектеп жүгүрүп жөнөдү, өзүнүн эмне иш кылып жатканын дагы түшүнбөдү, казганактаган элди жирей кирип барып:

- Эмне болуп жатат, ким өлдү? - деп жанындагы элди суроолуу тигиле майып жаткан ортого чыга түштү.

- Бекзат деген жигит кайтыш болду, арты кайырлуу болсун, - деди бири, аны кулагына кирген кирбегени белгисиз ыйлап жаткан келиндин жанына жетти.

- Абдан жакшы жигит эле бечара, өлүм айтып келбейт деген ушу да.

- Оорулуу тура.

- Жүрөгү ооручу экен, - дешип өздөрүнчө эл кеп кылып жатты. Ошол жерде Гүлсүн өзүн кармай албай калды, жетип эле эми көтөрүп ичкери киргизгени жаткан өлүктүн бетиндегисин ачып жиберди:

- Бекза-ат! - деген бойдон эстен танды, анын ким экенин аңдабаган эл, бир туугандары, аялы ыйлап жаткан үндөрү тып басылды:

- Кокуй өйдө кылгыла, өлүп калбасын.

- Ботом бул кимиси эле? - дешип күбүр-шыбыр түшүп калышты турган аялдар. Ошентип тез жардам чакырып ооруканага алып кетишти, Гүлсүн түн бир оокумда зорго эсине келди, өткөн окуяны эстеп ыйлап жатты: "Неге-неге мындай кылдың, мени эмнеге кыйноого салдың", - деп керебетте солкулдап жатканда сестра кирип:

- Көп капаланбаңыз, жүрөгүңүз начар экен, - деди.

- Эмнеге мени биерге алып келди, өлгөнүм жакшы эле.

- Антпеңиз чоң кыз жаш экенсиз.

- Кереги жок жашоонун, мен кете берсем болобу? - деди Гүлсүн жаштуу көздөрүн алайта.

- Болбойт, үч-төрт күн дарыланасыз, оору жаңы башталган, алдын алууга болот, азыр тынч эс алыңыз, эртең врач өзү түшүндүрөт, - деп сестра укол сайып чыгып кетти. Ошол убакта Гүлсүндүн киндик тушу бүлк этип алды. Анча сезген дагы жок, ошондо боюнда бар экенин, үч айдан өтүп баратканын да оюна алган жок. Эртеси врач кирип:

- Кызым, кубана берсең болот, кош бойлуу экенсиң, - дегенде Гүлсүн жаткан ордунан башын көтөрүп тура калды:

- Эмне дейсиз?

- Эмнеге чоочудуң? - Врач кайра кызга суроо узатып алганын билбей дароо: "Алданып калган окшойт, демек боюнда болгонуна кубангандын ордуна чоочуп кетти, күйөөсү жок", - деп ойлонуп кызды жайгарууга өттү, - Кызым, бала чоңоюп калыптыр, эми кааласаң да каалбасаң да төрөлөт.

- Агай...

- Тынчтан, балага таасир этиши мүмкүн, оорукчан бала төрөгүң келбесе өзүңдү колго ал, өзүңө дагы ден-соолук керек, - деди да чыгып кетти.

- Агай, мен баланы каалабайм! - деп артынан айтып ыйлап отурганда врач кайра кирди:

- Эми абортко дагы кеч, бала чоңоюп кеткен, кызым өзүңдү кармап баланы төрөп, эне болууга даярдана бер, - Врач ушинтти да чыгып кетти, Гүлсүн ыйлаган бойдон кала берди, үчүнчү күнү Гүлсүндү сурап Бекзаттын агасы келди.

- Кызым, сенин атың Гүлсүн эмеспи?

- Ооба, эмнеге сурадыңыз? - Гүлсүндүн көз жашы али кургай элек болчу, терс карап кетти.

- Мен Бекзаттын агасы болом.

- Ыя? - Гүлсүн аны алая карап туруп, - Эмнеге келдиңиз? - деди ыйлап туруп.

- Сен өлүктүн бетин ачып атын атап эсиңди жоготуп койгондо сенин ооруканага бараарыңды өзүм сүйлөшкөмүн, иним бала кезинен оорукчан болчу, мына бул катты ал жаткан жаздыктын алдынан таап алдым, сакайып кет кызым, - деп узакка карап катты сунду.

- Муну эмнеге мага берип жатасыз?

- Кат Гүлсүн деген кызга арналган, - деди да коштошуп чыгып кетти, Гүлсүн төрт бүктөм кагазды колуна кармаган бойдон: "Эмнеге, эмнеге ачык ай ткан жоксуң, эки бирдей арманды жүрөгүмө өмүр бою сактап жүрө аламбы", - деп ойлонду да окумак болуп катты ачып көз жүгүртө баштады: "Гүлсүн, мени кечир, өлүм адамды сүрү менен коркутуп, сууктугу менен муздатып коет экен. Менин жүрөгүмдүн оорукчан экенин, отуздан өткөнчө операцияга барбасам сакая албасымды аялым да билчү эмес. Өкүнгөнүм сүйүүсүз турмуш куруп балалуу болуп калганым, агам менен эжем балким мени жок дегенде балалуу болуп туяк калсын дештиби же сакайып кетээр деп ойлоштубу эрте үйлөнтүшкөн. Мен сени сүйүп калганымда абдан өкүндүм, жолукпай коюуга кудуретим жетпеди, өзүмдөн-өзүм качып да көрдүм, бирок тирүүлүктүн мага энчилеп берген аруу сезиминен кача албадым, сени катуу сүйдүм, аядым Гүлсүн! Суранаарым мени кечир, өлүм алдында өз күнөөмдүн жүйөөсүн таңуулагым келбейт, бирок акыркы мүнөттөрүмдө сенин жанымда болушуңду кандай гана эңсебедим, күтпөдүм... Бирок сен кабарсыз элең да, аны билем, сен дагы мени күткөндүрсүң, аргасыздан сени бир көрүүгө зар болуп түрү суук ажалдын, кишендеген оорунун азабынан кара көзүм тунарып, өңүм топурактай бозоруп, аргасыз ажалдын чеңгээлинен чыга албай жалган дүйнөнүн ырахатынан, тирүүлүктүн кызыгынан, баарынан биротоло түңүлүп кетип баратканымда дагы сенин үлбүрөгөн кызыл гүлдөй келбетиң көз алдымда туруп: "Кош жаным, мени кечир Гүлсүнүм, Гүлсүнүм гүлүм", - деп шыбырап кандайдыр бир караңгылыкты көздөй сүңгүп кетип бараткан кезим... Кош Гүлсүн, мени унутпа, жок дегенде тагдыр алдындагы алсыздыгымды эстей жүр", - деп Бекзат. 1986-жыл". Гүлсүн окуп отуруп көзүнүн жашы жамгырдай жаап турду: "Кечирдим, кечирдим Бекзат, сени кечиргеним ичимдеги түйүлдүктүн чоңоюп жатканы, ал эч качан сени унуттурбасын билем, бирок мени сенин кыл көпүрөнүн ортосунда, асканын башында турган кийиктей кылып таштап кеткениң өкүндүрөт, эми мен кантем, ата-энемдин жүзүн кантап карайм, кантип кыз кезимдегидей эркелей алам, сени кечирдим, чын дүйнөңдө тынч уктай бер байкушум", - деп солукулдап отурду. Ошол убакта Нуркыз менен Айжамал кирип келишти.

- Ой сен бизди өлтүрүп кое жаздадың го?

- Деги аман-эсен көрдүкпү ыя? - Экөө эңиле калып курбусун өөп ал-абалын сурап отурушту.

- Сени кайда кетип калды деп коркконубузду айтпа, - Нуркыз ага күлө карады, - Сабактан суранып келсек сен жоксуң.

- Экөөбүз ар кимден сурап издебедикпи, анан жатакананын жанында жашаган бир аял сени көрүптүр.

- Эмне деди?

- Сени ооруканага алып кетти деп.

- Чын эле көрүптүрбү?

- Ооба, көргөнүн айтты.

- Ошондой де...

- Капаланба, жаман иш болуптур, өзүңдү карма курбум, бул дүйнөдө баары болот экен да.

- Кайгырганда эмне, өлгөн өлөт, тирүүнүн жолу башка, өмүр улана берет, - Эки кыз Гүлсүндүн көңүлүн көтөрмөк болуп жатышты, - Эми качан чыгасың?

- Эртең чыгам.

- Жакшы анда, биз эртең келип алып кетебиз ээ?

- Макул, өзүм деле барып калам.

- Жо-ок курбум, сен кыйналып каласың, Нурланды машинасы менен кел деп коебуз, анан чогуу кетебиз, баса сага атаңдар акча менен бирдемелерди берип ийиптир, биз аны ачкан дагы жокпуз, - деди Нуркыз, анан коштошуп жөнөштү, Гүлсүн ойлуу жатып калды, ал ойлонуп жатып уктап кетти, көзү илинээри менен эле босогодо жөлөнүп алып жылмая карап туруптур: "Бекза-ат, бул сенсиңби, сен өлгөн жоксуңбу?", - деп Гүлсүн тура калды: "Жо-ок, мен тээ тигил жактамын, анткени төрөлгөнүмдө эле мени алар энчилеп алып отуз жылдан кийин бизге келет деп мага белги коюшуптур, ал менин жүрөгүмдүн башындагы кичинекей гана тешик экен да", - деп жылмайды, - Сенде менин кичинекей аманатым бар, ошону жакшы кара Гүлсүн, менин убактым бүттү, сени көрүп ушул сөздү айтуу үчүн келгемин", - деп көздөн кайым болду: "Бекза-ат!", - деп кыйкырып тура калып чылпылдап тердеп калганын көрүп: "Түшүм экен да, аманатым бар дейби, оо кудай өлгөн киши аны кайдан билет", - деп терин аарчып керебетте көпкө отуруп анан таң ата элек экенин көрүп кайра уктап кетти. Эртеси врач ага:

- Өзүңө сак бол, көп ойлонбо, кош бойлуу аял көп ойлонуп кейип кыйналса балага дагы өзүңө дагы зыяны тийет, - деди, - Эми барып жакшылап өзүңдү кара.

- Рахмат, - деп кийимин кийинип жатканда Нуркыз менен Айжамал келип калды.

- Чыктыңбы? - Нуркыз келип өөп учурашты.

- Ооба.

- Абдан сонун, машина даяр, - деп Айжамал дагы өөп колундагы баштыкты алды. Үчөө чыкканда аларды Нурлан жылмая карап аппак волганын жанында күтүп турган эле.

- Саламатсызбы чоң кыз?

- Саламатчылык.

- Гүлсүн, таанышып кой, бул менин жигитим, аты Нурлан, - деди Айжамал экөөнү тааныштыра.

- Таанышканыма кубанычтамын.

- Мен дагы, - Гүлсүн жылмайып карап тим болду, үчөө отуруп алып жатаканага келишти.

- Адегенде ашканага кирип аяштын ооруканадан чыкканын куттуктап койбойлубу? - деди Нурлан кыздарга кайрыла.

- Жок, кереги жок, - Гүлсүн сиркеси суу көтөрбөй турганын билгизе кабак чытый жооп кылды.

- Эмнеге, ашканага кеттик анда, - деди Айжамал.

- Туура, Гүлсүндүн көңүлүн көтөрүүбүз керек, - деп Нуркыз Гүлсүндү жонунан таптап кучактап койду, - Сенин чөккөнүңдү каалабайбыз курбум, - Нурлан ашканага айдай бер.

- Рахмат, бирок эч нерсеге көңүлүм жок.

- Болтурабыз, - деп койду Айжамал, алар ашканадан тамактанып көпкө отурушуп анан жатаканага келип Нуркыз менен Гүлсүн кала беришти, Айжамал жигити менен кетти. Гүлсүн бир жумадай ооруканадан справка алып сабакка барбай жатты, көп ойлонду, бирок ичиндеги баланы жарыкка алып келүүгө бел байлады. Бара-бара ичи билине баштаганда Гүлсүн окуусун таштамак болуп ойлонуп Жайнанын жашаган үйүнө бир барып ага кеңешмек болду оюнда. Ал аны жаркылдап-жайнап тосуп алды:

- Кел Гүлсүн, акыбалың кандай?

- Баары жакшы, - Эки курбу өбүшө кучакташып көрүшүштү.

- Капалуудайсың го?

- Сага кеңешүүгө келдим.

- Жайчылыкпы деги, абдан өңүңөн азып кетипсиң.

- Ошондой, акыл айтаарым жок... - Гүлсүндүн көздөрүнө жаш толо калып үйгө кирип орун алды, - Асыл жумуштабы?

- Ооба, ал жумушта, балалуу болсок керектүүнү даяр кылыш керек, - деп бактылуу жылмайды Жайна, аны көргөн Гүлсүн тымызын муңдуу көз карашын курбусунан тартып алып бир нерсени кармалаган болду:

- Кубанычыңарга тең ортокмун курбум.

- Рахмат, андан көрө сүйлөчү.

- Сүйлөгөндө эмне, - Гүлсүн көз жашын кылгырта курбусун карап отуруп болгонун айтып берди, - Эми эмне кылаарымды билбей сенден акыл-кеңеш сурайын деп келдим Жайна.

- Кандай дешимди дагы билбей калдым, жаман абалда калыпсың, бирок курбум чөкпө, баарын ойлонуп чечебиз, жайланып отур, азыр Асыл келет, тамактанабыз бирге отуруп, - Жайна ашканасына чыкты, Гүлсүн ойлонуп отурду: "Эмнеге мындай бакытты менин маңдайыма жазбаган, атамдар укса эмне дешет, атам намысынан өлүп калат чыгаар, Жайнаны кара кандай бактылуу, Айжамал турмушка чыкканы жатат, ал дагы бактылуу болот, мен ким көрүнгөндөрдөн корунуп төрөгүчө кандай азап тартам, - Улутунуп алды, - Бекзатты сүйгөндүгүм күнөө эместир, ал өлөөрүндө көңүлү тынч кетти, мен анын сүйүүсүнө арзыдым, баласын аман-эсен жарыктыкка алып келишим керек", - деп өзүнө-өзү убада берип тургандай болду. Жайна арыдан бери тамагын жасап дасторконун кең жайды, аңгыча Асыл келип калды.

- Оо кел аяш, ден-соолук кандай, окууну мыктай окуп жатасыңбы?

- Ооба, баары жакшы.

- Азамат, - деп Асыл отуруп калды.

- Асыл, сен бүгүн кайда болдуң?

- Иш да, иш жаным.

- Өтө эле кыйнала бербечи, мен жакында стипендия алам, ошондо бир топ тамак-аш алып алсак болот, апам келем деп айтыптыр, алар бизди ачка калтырбайт, - деп жылмая карап койду, - Сени каржалып кетеби деп аяйм да.

- Неге, үй-бүлөөмдү багуу үчүн баарына кайылмын, айылдан деле эт-аш берип ийишет, - Асыл Гүлсүнгө кайрылды, - Гүлсүн, ал акыбалың кандай?

- Жакшы.

- Сабырың суз, бир нерсеге капасыңбы?

- Жо-ок, жөн эле көңүлүм жок.

- Окуудан кыйналбадыңбы?

- Окууда кыйынчылык жок.

- Сен жакшы окуйсуң, эки-үч жыл калды, андан кийин практика, сен баарына жетишесиң.

- Иштеген убакта көрөбүз го? - Гүлсүн жылмайган болду.

- Гүлсүн, сен жатаканага турбай эле биздин үйгө жүрө берсеңчи, окууга чогуу барабыз, чогуу бүтөбүз, туурабы Асыл?

- Эң туура сөз, мурунтан эле ошентиш керек болчу, үйдү билесиң, кең-кесири, бош эле турат, Жайна экөөңөр эрмектешип зерикпейсиңер.

- Жо-ок, мен жатаканада эле боло берейинчи.

- Барбайсың, мындан ары биз менен жашайсың, - деди Жайна бүтүм чыгара, ал курбусунун кыйын абалда калганын билген соң аны өзү жанына алмак болду. Атайын күйөөсүнө айтып жаткан болчу, Гүлсүн ичинен кубанып турду, ал окууну таштамак болуп чечкен. Ошентип курбулар ынтымактуу жашап жатышты, жайкы каникул болоору менен Гүлсүн үйдөн чыкпай калды, алты айдан ашып калган эле, атасы менен апасына бир шылтоо айтып, сабагынан кыйналып жатканын, бара албасын түшүндүрүп кат жазды. Сентябрда Гүлсүн уул төрөдү, Жайна кыз төрөгөн, Асыл аларга карап үйүндө, окуу башталгандан тартып Гүлсүн сабакка барган жок, уулунун атын Кубаныч койду, Жайнанын кызынын атын кайнатасы Алмагүл деп койгон, кайненеси анын окуусуна карап небересин багып жатты. Анаржан абдан жакшы аял, бирок митаам, өтө сезгич, Гүлсүндү кээде ойлогону менен сурагысы келсе дагы үн дебей келет. Бир күнү экөө калып калды:

- Кызым, күйөөң каякта? - деди Гүлсүнгө карай.

- Өлүп калган эже.

- Каран гүн десе жаман болгон экен, ата-энең барбы?

- Бар...

- Аларга барбадыңбы?

- Жок, менин күйөөгө чыкканымды алар билбейт.

- Ай кызым ай, бекер кылыпсың, - Анаржан башын чайкап тим болду. Уулун карап отуруп Бекзаттын үрөйүн көрүп өзүнчө кубанып, толкунданып: "Бекзат, сенин кичинекей аманатыңды чоңойтуп жатам, аманатың өзүңө куюп койгондой окшош, аты Кубаныч, карегим менин, аман-эсен чоңойсо сени тартат, адам кылып тарбиялайм", - деп болбураган эки айлык наристенин ууртунан өөп, жыттап коюп жаткырды да жалаяк жууганы сыртка чыкты. Гүлсүн Жайна жокто үй жумушунун баарын жасап, эки баланын жалаягын өзү эле жууп тазалап коет, ага Жайна ар убак кой десе да болбой өзү билгенин койбойт. Анаржан сыртта жүргөндө эшиктин алдында отурса бир такси келип токтоп Гүлсүндүн атына жазылган кат менен баштык таштап кайра кетти.

- Ийе Гүлсүн, Гүлсүн! - деген үнүнөн улам ал чыга калды.

- Эмне болду эже?

- Сага бирдеме келди балам, үйгө алып кирчи.

- Аа-а, атамдар берип ийген го?

- Ошондой, - деп колундагы катты берди, Гүлсүн баштыктарды ичкери алып кирди, бир койду союп, боорсок менен чанач сүзмө, карын май берип ийиптир, аларды жайгаштырып коюп анан катты ачып окуп кирди: "Гүкү, садагаң кетейин десе, оорубай-сыркабай эле жүрөсүңбү, бизге таарынып калдыңбы кызым. Сени биз жөн эле эртерээк турмушка чыгып небере жыттатса дегенбиз. Сен атаң экөөбүзгө таарынып келбей койдуң, окууң жакшы элеби кызым, кышында келип кетесиңби? Биз сени сагындык садага. Сен биздин көзүбүздүн карегисиң каралдым, бизге таарынбай келип тур, сени күтөбүз кызым, атаң Дыйканбай, апаң Нуржамал. 1987-ж. 2-ноябрь". Гүлсүн катты окуп бүткөнчө көз жашы төгүлүп кат суу болуп кетти: "Кагылайындарым ай, силердин үмүтүңөрдү актай албай калдым го, силер көргүңөр келген небереңерди минтип жашыруун багып отурам го?!", - деп буркурап ичтен муңканып жатты.

- Гүлсүн үйдөсүңбү? - деп Жайна кирип анын ыйлап отурганын көрүп жанына отурду, - Болду, минте берсең өзүңдү коротуп бүтөсүң, оорукчан болуп каласың.

- Атамдарды сагындым Жайна, кантип балам менен барам айтчы, же бара берсемби, уккан эл эмне дешет, айыл боюнча дуу этет го?

- Анда сен Кубанычты таштап өзүң бир барып кел, мен ооруканадан справка алып бир жумага үйдө болом, өзүм дагы ооруп жатам, - деди Жайна курбусуна боору ооруй.

- Сен кыйналып каласың го?

- Кыйналбайм, сен сагынычыңды таратып, ата-энеңди бир көрүп кел курбум.

- Асыл менен эже эмне дешет, жаш баланы сага таштап кетип калсам?

- Эчтеке дебейт, мен жооп берем, мен эртең докторго көрүнөм, анализ тапшырам да үйдө болом, - деди Жайна. Айткандай эле үч күндөн кийин Гүлсүн үйүнө жөнөдү, анын келишин ата-энеси кубана тосуп алышты.

- Садагаң кетейин каралдым, өңүң азып кетиптир го?

- Ооруп жүргөнсүң го кызым? - деп Дыйканбай дагы үрпөйө карады.

- Бир аз ооруп жүрөм ата, эчтеке эмес, окуумда дагы оорчулук бар, силерди сагындым, - деп Гүлсүн аябай ыйлады, баардык арман-ызасын көз жашынан чыгарды, эне эмеспи, Нуржамал кызынын жүзүнөн бир нерсени баамдады, жаш төрөгөн аял менен кыздын айрымасы асман менен жердей эмеспи: "Садагам ай, бир балээге кабылгансың го, кантейин эми, сырыңды айта койбойсуң го, аман-эсен болсоң болду", - деп ичинен тынды.

- Эми качан кетесиң кызым? - деди Нуржамал.

- Эки күндөн кийин эле кетем, окуумдан калып калам.

- Мейли садагам, көзүбүзгө көрүнгөнүң канчалык канимет, эптеп окууңду бүткөнчө кудайдан жаныңдын амандыгын тилеп күтө турабыз, атаң ооруп жүрөт, - деп кейип-кепчип отурду Нуржамал.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Көрүнгөн эле жерин айтат, каралыктыкы го кызым.

- Койчу апа, карылык деген сексен жаштан ары карай болсо болот да, силер жетимишке дагы чыга элексиңер, атамды врачка көрсөтөлү анда?

- Айтып көрчү, болоор бекен?

- Өзүм бир сүйлөшүп көрөйүн анда, каякка кетти атам?

- Мал-сал сатсам дейт, сенин кеткениңе да акча керек, базар боло элек, бирөөгө сүйлөшөт го?

- Убара болбой эле койбойсуңарбы? - деди Гүлсүн курулай, анын жашоосуна азыр акча абдан керек болчу, күндө балага сүт алат баскан турганынын баары акча эле. Ата-энесине да боору ооруйт, өзү үчүн айланып үйрүлүп отурса, өзү тигинтип төрөп алып бала салган чебичтей жүдөп алардын маңдайында отурганы жүрөгүн оорутуп, аргасыз тагдырына таарынып отуруп калган кези. Кеч күүгүмдө сүт толгон эмчеги ооруп сааганы эшикке чыкты, жанында шыйпаңдаган төрт көз күчүгүнөн кызганып кайда барып саарын билбей турду, анан кайра ичкери кирип чыны алып чыгып караңгы үйдүн бурчуна туруп саап жатканда Нуржамал чыкты:

- Гүкү, Гүкүтай кайдасың?

- Апа, эмне болду? - деп чоочуп кеткен Гүлсүн колундагы чыныны түшүрүп ийди эле ал ташка тийип сынып, төрт көз жанталашып жерди жалай баштады.

- Эмне кылып жатасың ботом?

- Ичим ооруп туалетте отурдум, - Гүлсүн ичин басып апасынын жанына жетти, андан жылуу ууз сүттүн жыты бур эте түштү.

- Желденип калсаң керек, жылуу отурчу, - деди эне, бирок ал баарын сезди, үндөгөн жок, ошол бойдон кеткенче бүрүшүп жатып кетпей кое тур дешкенине карабай кетип калды. Арадан билинбей бир жыл өтүп кетти, жазда дагы келди, анда дагы окуусуна шылтоолоп кетип калган. Эки жыл өткөндө Гүлсүн келбеди, Дыйканбай оорукчан болуп калды, Нуржамал ыйлап-сыктап күндө жол карап күткөнү күткөн, билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Ошондо окуусун бүтүрүп келип калат деп коюн семиртип байлап алып, дүр эткен машинанын үнү чыкса чыга калышканычы, бирок эч дайын болбоду...

Жайна Гүлсүндү бир тууганындай карап баласы менен үч жыл бакты, ата-энесинен келген тамак-аш деле болуп жатты, кыйналган деле жок. Бирок бир күнү эле сыртка чыккан бойдон келбеди, издеп таппай калды, Асыл ар кандай ойлорду айтты, ага ишенгиси келген жок.

- Ал сага ишенип баласын таштап кетти да, чоңоюп калды, багып алышат деп ойлогондур? - деди үч айдан өтүп калганда.

- Койсоңчу Асыл, ал баланы таштамак эмес, бирдеме болду, милицияга берели.

- Кайдагыны айтпа, баласын ата-энесине алып барып бер, өздөрү баксын.

- Баланын зыяны тиймек беле, Алмагүл экөө бирге өсүп калат, Гүлсүн акыры келет да.

- Акыры келет деп, эми дагы бирди төрөп келсе өмүр бою арамдан төрөлгөн балдары менен бага беребизби? - Асыл ачуулуу карады аялын, - Эми келсе өзүң айтып кетир, атасына барбаса башка жакка кетсин, жатындашымдан артык болуп кетсе да болду!

- Келсе өзү дагы кетет, ачууланбай кое тур эми, - деп Жайна уулу менен алек болуп калды, ал жакында эле экинчи уулун төрөгөн, Алмагүлү үчтөн өттү, колундагысы үч айлык, бактылуу үй-бүлөө.

- Иши кылса мени жаман көрсөтпөй айтып түшүндүр, тун кызыңдай бөпөлөбөй, - деп сыртка чыгып кетти. Жайна ойго батып уулун эмгизип отуруп Кубанычка көз жиберди, ал болпоюп аябай жоош, Алмагүл экөө ойносо ал ыйлап калат, кыз бала болсо дагы өтө тентек, эркелиги жанда жок, өз билгенин кое бербейт: "Байкушум ай кайда кетип калдың, балаңды жалдыратып коюп кантип чыдап жүрөт экенсиң", - деп улутунуп алды. Убакыт өтө берди, бирок Гүлсүн кайып болгон сымал дайыны билинбеди, өзү барып сүрөтүн милицияга дайындап берип келди, эч дареги билинбеди. Асыл Кубанычты негедир жек көрүп туруп алды:

- Асыл, жаш балада эмне күнөө, тим кой чоңое берсин, - Жайна боору ооруй болуша кетти дагы бир күнү.

- Үйүмдө арамдан туулган баланы батыра албайм, - деп Асыл аны укпады.

- Арам дебесең, наристе да.

- Наристе - наристе деп коет, нике кыйдырып тийип төрөдү беле, бузулган немени сенин көңүлүң деп тим койгомун, кеткени жакшы болду, эми баласын жогот!

- Сен мындай эмес элең, таптакыр башкача болуп кеттиң, мейли эми балдар үйүнө алып барып таштайын, келсе ага айтам да, - Жайна ыйлагысы келип айтты.

- Андай кыйын экен ата-энесине барбайт беле?

- Жүзү чыдабады да.

- Арам сийдик төрөп алып басып жүргөндөн уялбай ата-энесине баргандан уялдыбы?

- Койчу эми, тынчтанчы Асыл, баланы мен тапшырып келем, - деп Жайна унчукпай калды.

Ошондон көп өтпөй эле Жайна кат жазып, күбөлүгүн кошо алып Кубанычты балдар үйүнө таштап коюп, жүрөгү сыздады, төрөлгөндөн бери колунда болуп, көз алдында чоңойгонго өз баласындай болуп калган эле. Күйөөсүнө ичинен нааразы болуп аргасыз артына кайрылып көз жашын төгүп жиберди: "Эмне болот эми байкушум, же энеден, же атадан жок кантип өсөт, кимден кагуу жеп, кимден жеме угаар экен, жаш жүрөгү адамдардан сууп, мерез болуп калат го, кантсе да аман жүрсүнчү", - деп ойлонуп көзүнүн жашын аарчып, өзүн соорото үйүнө келсе Асыл үйдө экен.

- Жоготтуңбу деги? - деп кирээри менен сурады.

- Койчу Асыл, сен мындай эмес элең, неге мындай болуп кеттиң, ал деле адам баласы го, кетти эми, кутулдуң, - Жайна кабак бүркөй отуруп баласын эмгизип ойго чөмүлдү.

- Эк, адамдын дагы адамы болот да, деги ушул бала мага жаккан жок, - Асыл жини келгендей телевизорун карап калды.

- Кызык, - деп Жайна ойлуу күйөөсүнө карады, - Сен деле тааныштардан сурасаң боло, Гүлсүн баласын таштап эч кайда кетмек эмес, мен сүрөтүн милицияга берип келдим, балким табылып калаар.

- Эмне, милицияга эмне деп бердиң? - Асыл кыңкайып отурган жеринен тура калып аялына алая карады, - Деги сен соосуңбу, үч жылдан ашык биздикинде жүрсө, сен экөөбүздү аларың суракка албайбы?

- Суракка алса айтабыз, жүргөнү чын деп, анын эмнесинен коркот элек, кыскасы издештирип таап калса жакшы эмеспи?

- Акмак катын экенсиң, жоголмоктон өлүп кетсин, милицияга бербей эле койбойсуңбу, - Асылдын ачуусу келип Жайнаны жеп жиберчүдөй болуп караганда ал таңгала:

- Эмне болду сага, жөн эле өңүң бузулуп кетти го? - деп суроолуу карады.

- Эчтеке, аларың бир нерсени укса казмалай берет да, жай келсе экөөбүздөн көрүшү мүмкүн, - деп Асыл кайра отуруп калды да көп өтпөй сыртка чыгып кетти. Ошондон баштап анын эмнегедир тынчы кетип түнт болуп кетти, кокус тамактанып же жай отурганда да эшик ачылса эле жалт карап өңү бозоро түшөт, жүрөгүнө аш баспай арыктап да кетти. Жайна бир күнү ал жумуштан келгенде:

- Сенин бир жериң ооруп жүрөбү Асыл? - деди.

- Эмне болуптур? - Асыл кыртышы сүйбөгөндөй кекете жооп бергендин ордуна суроо узатты.

- Эмнеге зиркилдейсиң, сенин пейлиң бузулду, бара-бара башкача болуп баратасың, арыктап баратканыңдан сурадым.

- Азырынча өлбөйм, ден-соолугум кудайга шүгүр, - деп Асыл эшикке карай жөнөдү.

- Сен минтип кыялыңды өзгөртпө, мен сени эрим, балдарымдын атасы деп ооруп калбасын деп аягандан сурап жатам, - Жайна дагы ачуулана карады, - Эмне кайра түрүңдү бузасың, сени өлүп калсын деген оюм болсо сурамак белем ыя?

- Болду, көп сүйлөбөй өз ишиңди кыл! - деп коюп каалганы тарс жаап чыгып кетти.

- Айбан, кыз кезиңде бутуңа чөгөөлөп, сүйүүсүн таңуулап артыңдан жүгүрүп жүрүп жетип алгандан кийин ушуну кылат экен да, балдардын атасы деп сыйласа сыйга татыбаганын кара, - деп Жайна жиндене сүйлөнүп кала берди. Күндөн-күнгө Асылдын өңү кубарып, жаагы шилинип арыктап баратты, Жайна ага баягыдан кийин таптакыр үндөбөй калган, бирок балдарынын атасы, өмүрлүк жары катары ичинен аяп: "Буга эмне болду, ачуусу мурдунун учунда, күндөн-күнгө арыктап эле баратат, кокус өлүп калса эмне болот, ата-энесине айтсам окшойт, минтип жүрө берсе сөзсүз эле бир балээ болот", - деп сары санаа болуп жүргөндө кайненеси келип калды. Көтөрүнчөгүн үйгө киргизип, чарчап келип төргө кыңкая кетти.

- Ийи айланайын, тынч аман жатасыңарбы, Асылым жакшы жүрөбү, ден-соолугу кандай балам? - деди Анаржан бир аз эс алган соң.

- Жакшы эле апа, өзүңөр кандай, атам жакшы эле жүрөбү, акемдер жакшы турушабы?

- Кудайга шүгүр садага кетейин, аман-эсен турсаңар эле болду.

- Апа, келгениңиз жакшы болду, - Жайна кайненесине бир сөз айта тургандай тайсалдай карады.

- Эмне сөзүң бар балам?

- Асылды айтайын дегемин апа.

- Эмне болду айланайын, тынччылыкпы деги? - Анаржан өйдө болуп отуруп келинин көңүл кое карады.

- Асылдын кыял-жоругу өзгөргөн, бирдеме десең эле зиркилдеп ачууланат, өзү болсо арыктап кетти, - Жайна жер карай жашы муунта отуруп калды.

- Капырай эмнеге антет, ооруса доктурга көрүнбөйбү?

- Айтсам укпайт, сурасам жооп бербейт.

- Келсин, өзүм сүйлөшөм, ооруну жашырса өлүм ашкере кылат деген кеп бар, - Анаржан кайра кыңкайып жата кетти.

- Апа, балаңыздын бир сыры бар, бирок кандай сыр экенин билбейм, үй-бүлөөгө көңүл дагы бурбай калды.

- Көрөбүз балам, өзүм бир сүйлөшүп көрөйүн, кандай дарты бар экенин.

- Мени айтты дебей сүйлөшүңүз.

- Ма-акул садага кетейин, - Ошол убакта сырткы эшик тыкылдап калды, Жайна тура калып эшикке жетти:

- Саламатсызбы, мен милицияданмын, сиз Суранчиева Жайнагүлсүзбү?

- Ооба-ооба.

- Лейтенант Айтикеев Нурлан, сиз өткөндө Дыйканбаева Гүлсүн дегенди жоголду деп арыз берген экенсиз.

- Ооба, мен жазгамын, биздин үйдө үч жылдай жүргөн.

- Ошол тууралуу келгемин, кандай жакыныңыз эле, эмне үчүн бул жерде жүргөн, ата-энеси кайда экенин билесизби?

- Мени менен бирге институтта окуган, кийин окууга шарты келбей үйдө болуп калган, кайдан экенин билбейт экенмин, ата-энеси бар эле, жалгыз кызмын дечү.

- Рахмат сизге, ий баса курбуңуздун паспорту же бир документи барбы?

- Бар эле, бирок кайда экенин билбейм.

- Анда эртең күйөөңүз менен бөлүмгө барыңыздар, эгерде буюмдары же документти болсо ала барыңыз, - деди да Нурлан жолуна түштү, Жайна ойлуу ичке кирди.

- Ким экен балам, көпкө сүйлөштүң да? - Анаржан келинине карады.

- Милиция эле.

- Ийи кокуй, ал шүмшүктөр эмнеге келиптир?

- Биздин үйдө бир курбум жүргөн ошол үч ай мурун жер жуткандай эле жоголуп кетти.

- Капырай каякка кетиптир, Гүлсүн жоголдубу?

- Ооба ошол, мен жокто үйдөн чыгыптыр, кайда бараарын айтпаптыр, үч жашар баласын таштаган бойдон дайынсыз, өзүм арыз жазып келгемин.

- Баласы кайда калды анан?

- Жетимканага алып барып таштагам.

- Эмнеге кокуй?

- Асыл батырбай койду, аны көрсө эле зиркилдеп жини келгенинен айла жок таштап койдум.

- Оолда-а бечарам ай-йаа, атасы жок беле?

- Атасы да өлүп калган, - Жайна андан башка сөз айткысы келбей отуруп калды. Бирок ал Асылдан шек санабайт, эгерде анын Гүлсүнгө тийиштик кылып, акыры жер жаздантып койгонун билсе балким алды-артын карабай эки баласын бооруна кыскан бойдон төркүнүнө жөнөмөк беле, ким билет? Бирок Жайна күйөөсүнүн арам ишин, кылмыш кылып адам өлтүрүп алып ошонун жазасын тартып ичинен мите курттай жеген санаа өңүнөн азып жүргөнүн сезбеди... Бул мындай болгон эле, Гүлсүн баласын багып үйдө болуп калды, ал кезде Жайна дагы колундагы кызы менен сабакка барып келип окуп жатты, Анаржан келип Алмагүлдү карап жүргөн. Бир жаштан өткөндө Гүлсүн окуусуна да барып, кайра баласын карагандан кыйналып кеткенде окуусун таштап койду, Бегаалынын ден-соолугуна карап Анаржан айылга кеткенде Алмагүл менен Кубанычты багып калды. Бир күнү Асылбек жумуштан эрте келди, Гүлсүн алдына чай коюп тамак алып келди.

- Гүлсүн, сага деле кыйын болду, - Асыл ырсалактай күлүп калды, - Эркектин жытын деле сагынгандырсың ыя?

- Койчу Асыл, ал эмне дегениң? - Гүлсүн ачуусу келсе да аста айтып түшүндүрмөк болду.

- Чынын айтам, сен деле тирүү жансың да, биз Жайна экөөбүз эзилишип жатканда сен тизээңди кучактап гана эзилип жүргөндүрсүң.

- Асыл, мунуң туура эмес, сен экөөбүз мындай темада сүйлөшпөй эле коелучу, уят эмеспи?

- Эмнеси уят, чынын айтсам сени башынан эле жакшы көрчүмүн, Жайна жокто экөөбүз кээде "ойноп" кое берсек сенин дагы дене боюң жазылып жаның жыргап эле калмаксың, - Асыл болбой эле ырсактап Гүлсүнгө колун сунуп кармамак болгондо Гүлсүн тура калды.

- Акмак, сени мындай деп ойлобопмун, - Гүлсүн ызалана эшикке чыгып кетти, Асыл унчукпай кала берди, балдар уктап жаткан, үйдүн артына барып ыйлап-ыйлап анан өз иши менен алек болуп жатканда Жайна келип калды, көздөрү шишимик тартып ыйлаганы билинип турган курбусун көрүп: "Байкушум ай, кейип ыйлаган окшойт, ата-энесине бара берсе болот эле, кечип кетмек эмес, минтип кыйналганча баласын таштап коюп окуусун улантып бүтүп алса болбойт беле", - деп ойлонуп көңүлүн көтөрмөккө жаркылдай карады:

- Гүлсүн карачы, мен эмне алып келдим, Алмагүл менен Кубанычка күрмө шым алдым, - деп сумкасынан алып чыгып Гүлсүнгө көрсөттү, - Эгиздей кылып кийгизип алып май майрамында аянтка чыгабыз ээ?

- Ийи, жакшынакай экен, - Гүлсүн кийимди колуна алып жылмайып ойлуу телмирди, - Тим эле койсоң болмок экен.

- Сен аябай жамансың, эмне дагы ыйладыңбы, көзүң шишип калыптыр?

- Кантип ыйлабайм, аңдоосуздан бир жаман ишке кабылып алып ата-энеме жүзүм чыдабай минтип жүрсөм, балким Бекзат болгондо деле аялынан чыга албай калат беле, анда дагы ушинтип жүрөт белем, сага рахмат, өз бир тууганым болсо деле мынчалык карамак эместир, - Гүлсүн буркурап жиберди, - Тагдырым, таалайым ушундай тура Жайна!

- Койчу алтыным, кейибечи деги, мени кошо кыйнап ийдиң го, жүрөгүмдү оорутпачы, сенин минтип турганыңды көргөндө өзүм чыдай албай кетем, - Жайна курбусун кучактап далыга таптап бооруна кысты, - Бул күндөрүң да өтөт, уулуңду чоңойтуп алсаң, баары орду-ордуна келип өткөн күн көргөн түшүңдөй болуп унутулуп калат.

- Кантип Жайна, баламды канчага жашырам алардан, же өмүр бою айтпай өтөмбү, кантип айтаарды билбей эзилип кеттим, - Солуктап ыйлап да сүйлөп да жатты Гүлсүн.

- Эмне болду экөөңөргө? - деп Асыл үйдөн чыга калды, - Ушу экөөңөрдүн бириңер эркек болгондо сөзсүз эле сүйүшүп калмаксыңар, - Каткырып калды.

- Койчу Асыл, Гүлсүндүн кандай абалда жүргөнүн билесиң да, көңүлүн көтөрбөсөк болбойт, сен кайра күлөсүң да, - Жайна күйөөсүн урушкан болду.

- Эми болоор иш болду да, андан көрө бир жакшы күйөө таап тийип алганы жакшы, ушинтип жүрө бермек беле?

- Андай да болоор, азыр буга тынчтык керек, көңүлүн көтөрүп абалын жеңилдетүүбүз керек, мен эт алып келдим, бир жакшы отуралычы, - деп Жайна Гүлсүндү колтуктай үйгө кирди, - Жакшы вино дагы ала келгемин.

- Отурса отуралы, даярдык көрө бергиле, - Асыл ажаткана жакка басып кетти, Гүлсүн аны көргүсү келбеди, үндөбөгөн бойдон курбусу менен катар үйгө кирди.

Гүлсүн Асыл отурганда кайсактап эле дасторконго мурдагыдай отурбай калды, жүзүн карагандан жийиркенип өзүнчө убайымда. Жайна жаркылдап тамак ашын жасап, Гүлсүн салатын жасап үчөө бирге отуруп кызыл шараптан куюп бакылдашып сүйлөшүп жатты.

- Кел эми Гүлсүн, сен кабатыр болбо, буйруса ушул күндөрүңдү унутаар күн да келет, сен үчүн ичели ээ Жайна? - деп калп күлгөн болду стаканды көтөргөн Асыл.

- Ооба курбум, капаланбай жүрчү, оорукчан болуп каласың, ойлонгондо эмне? - деди Жайна, - Сенин келечек бактың үчүн ичебиз, Асыл экөөбүз сенин бактылуу болушуңду гана каалайбыз, - Жайнаны жаштуу көздөрү менен караган Гүлсүн башын ийкей жылмайып: "Аттиң ай, күйөөңдүн кандай адам экенин билсең го, сендей пейили кенен, ичи таза аялдын кадырына жетпей турган адам экенин билсең го", - деп ойлоп улутунуп алды.

- Көйнөгүңдү уй жегир десе, - Жайна каткырып койду, - Мындан ары кабагыңды бүркөбөй, сары санаага батпай жаркылдап жүргүн ээ?

- Макул-ма-акул, - Гүлсүн курбусуна карай күлдү.

- Мен Гүлсүнгө күйөө табам, - деди Асыл.

- Кереги жок! - деди Гүлсүн ага карабай туруп, - Эрге тийе турган алым жок.

- Азыр эмес Асыл, курбумдун жүрөгүндөгү жара айыга элек, акыры күйөөгө тийет дечи, ушул бойдон өтмөк беле?

- Эркек аттууну көргүм келбейт.

- Туура, сен азыр жаралуу аркарсың курбум, биз сага бакыт каалайбыз, - деп Жайна Гүлсүндү дагы кучактап эки бетинен өөп жашын аарчыды, - Асылдын сөзүнө капаланба алтыным.

- Эмнеге капа болмок элем, тагдырыма капамын...

Ошентип алар ал күнү көпкө отуруп анан жатышты, Гүлсүн жалгыз калгандан коркуп жүрдү, көп өтпөй жай келип Жайна дагы үйдө болуп калды, мындайда Гүлсүндүн көңүлү жай. Уулу тамтаңдап басып калды: "Кандай кылсам экен, күйөөгө чыккамын, өлүп калды деп эле атамдарга айта берсемби, мени го кечип кетпейт, бирок өзүм чыдабай жатпайынбы, өмүр бою ушул жерде турат белем", - деп бир күнү үйдөн Кубанычты көтөрүп алып чыкты да батир, иш издеп таппай келди. Үчүнчү күнү батир таап келди, эртеси төшөнчүсүн алып батирге келди, аерде бойдок картаң адам жашайт эле, аялы өлүп калган, өзү батирге үйүн берип акчасына ичип жата берчү, Гүлсүндөн башка дагы бир-эки үй-бүлөө жашачу. Келгенден эки-үч күндө эле Айна деген келин менен тааныш болуп калды, сырдашып кээ-кээде сүйлөшүп отуруп калат.

- Сен кайда иштейсиң? - деди Гүлсүн бир күнү.

- Заводдо иштейм, азыр жумуш кыскарат деп жатышат, биз баарыбыз коркуп жатабыз.

- Мен барсам кабыл алаар бекен?

- Балаңды эмне кыласың?

- Билбейм, бирок иштешим керек.

- Анда мен сага жардам берейин, балаңды менин сиңдиме каратып коюп иште, балдарды ошол карап жатат.

- Жакшы болбодубу, көп болбосо дагы азыраак төлөп берем Айна, - Гүлсүн кубанып кетти, - Эптеп иштеп алсам жакшы болот эле.

- Кабатыр болбо, мен бригадир менен жакшымын, бир эле сөз менен киргизип коем, - деп Айна Гүлсүндү таптай көзүн кысып күлүп койду.

- Рахмат сага, иштеп алсам сага дагы карыздар болуп калам го? - Гүлсүн дагы күлдү, ошол кезде Жайна келип калды.

- Гүлсүн кандайсың?

- Жакшы досум, өзүңөр кандай жатасыңар, Алмагүл ойноп күлүп жүрөбү? - Эки курбу кучакташып өбүшө учурашып, Жайна Айнага баш ийкей саламдашты да Гүлсүндүн батирине карай басышты.

- Акыбал кандай анан?

- Шүгүр досум, баары жакшы, иштегени жатам.

- Жакшы болуптур, Кубанычты кантесиң?

- Бага турган кыз бар.

- Эң сонун, сага абдан таарындык, биз менен эле тура берсең болмок, кетем деп эле болбой калдың.

- Уялдым, дагы силерге рахмат, ушунча батырдыңар.

- Ошо да кеппи?

- Билбейм, кандай алкаарымды дагы билбей жатам, эл дагы кыйналып турган кезде бир боорумдай карадыңар.

- Милдет кылбайм досум, кыскасы өз жолуңду таап, бактылуу күндөргө жетишиңди тилейм, - Жайна жаркылдай күлүп бөлмөгө кирип келди, - Оо-хоо, бөлмөңөр абдан жакшы тура, ушу сен биздикинен кысынып кеттиң окшойт ыя?

- Койчу досум, кысылган деле жокмун, болгону өзүмчө дагы көрөйүн дедим.

- Мейли, Кубанчик экөөңөр ээн-эркин жашагыңар келди, - Жайна Кубанычты өөп орун алды, бир чыныдан чай ичишкенден кийин Жайна үйүнө жөнөдү. Гүлсүн ойлуу уктап жаткан уулун кучактап көз ирмемдеги бактылуу мүнөттөрүн элестетип көпкө жатып анан көзү илинип кеткенин байкабай дагы калды. Эртеси Айна экөө заводго барып жумуш сурап кирди эле директору аларды кийин кел деп узатып койду. Деми сууй түшкөн Гүлсүн ыйлагысы келип батирине келсе Байалы өтө мас экен, Гүлсүндү көрүп тийише сүйлөдү:

- Эй сулуу, бойдоксуңбу ыя?

- Ойлоп сүйлөңүз, кызыңыздай элемин.

- Кызбы, балабы өз өмүрү, өз жашоосу болот сулуу, ал эми бойдокторго баары бир эмеспи, жашпы-карыбы жашоо керек, андан көрө бир дем алдырсаң боло, заарым башыма чыгып кетмек болду!

- Уяты жок! - Гүлсүн теңелбей бөлмөсүнө кирип кетти, эшигин илип алып баласын кучактап керебетте жаткан, уктап кеткен экен эшик тарс-тарс урулганда тура калып ача койсо Байалы:

- Эй, эмнеге тоготпойсуң? - деп ызырына эшикти түртүп кирип келди.

- Байке, баламдын эси чыгат, сырттан сүйлөшлү, - Гүлсүн маска теңелбей жумшак айтып чыгарып иймек болду эле Байалы аны эки карыдан капшыра кармап төшөккө сүйрөгөндө кыйкырып кирди, - Жап оозуңду, сендейлердин далайын көргөмүн, каалайсыңбы акысын төлөйм! - деп басып жыгылганда тепкилеп кыйкырып жатканда Кубаныч ойгонуп кетип ыйлап кирди.

- Кое бер акмак, жардам бергиле! - Түрткөнчө эле болбой оозун басмак болду, ошол убакта Айна, дагы бир келин күйөөсү менен кирип келди. Эркеги Байалыны желкесинен ала тартып сыртка алып чыкты. Этеги түрүлүп, ич кийими ылдый жылып калган Гүлсүн көз жашын көлдөтө тура калып оңдонуп кийинди.

- Уятыңыз жок экен, эс акылыңыз менен болбойсузбу, өзүңүздүн кыздарыңыздай эле го? - деп жанагы жигит Байалыны урушуп жатты.

- Өзү мени азгырган, көзүн кылгыртып ымдап алып анан калп бакырып жатпайбы, - Байалы мойнуна алгысы келбей ары басып кетти, - Киришпе менин ишиме, жолуң менен бол!

- Азыр милиция алып келем.

- Эчтеке кыла албайт, мен бул аял менен мурдатан мамилем бар, ишиңер болбосун!

- Уяты жок, бетсиз шерменде, кантип оозуңдан ошол сөз чыгып жатат? - деп Гүлсүн ичкериден үн катты, баласын сооротуп, кийимин кийинди дагы кайрадан Жайнага барып болгонун айтып ыйлап отурду.

- Жаман киши тура, мындан ары эч жакка кетпе, эгерде кеткиң келсе ата-энеңе өзүм алып барам, - деди Жайна курбусун соорото.

- Жок, эч жакка барбайм, мен Бекзаттын агасынын аты жөнүн билип алсам болмок экен, Кубанчикти ошолорго берип коймокмун.

- Гүлсүн, балаңды берем дебе, ата-эне деген баары бир кечирет, сени кечип кетпейт, таштабайт дагы, менин айтканыма көн дагы аларга бар.

- Жо-ок, апам чыдаса дагы атам чыдай албайт, мен андан көрө өлгөнүм жакшы.

- Сен өлгөндө балаң кимде калат?

- Сенде калат, - Гүлсүн мелтирей көз жашы түгөнгөндөй отуруп калды.

- Гүлсүн жашоого терең кара, эми бала эмессиң, балаңдын атасы дагы болбосо, энелик мээримиңди балаңа бер, Бекзатка болгон сүйүүңдү эми балаңа алмаштыр, эне болуудан өткөн бакыт жок, сен ошол бакытка жеттиң, акылыңа кел.

- Жайна, мен ошол бакытты сездимби, төрөгөндөн кымырынып кысынып жүрүп, көз жашымды төгүп азап менен көрдүм баланын жүзүн, бакыт дегенге атасы жаныңда болуп, балалуу болушун кубана күтүп кашыңда турса анан баланын баркын, эне болуу бактысын сезмекмин.

- Аның туура дечи, бирок сен энесиң да.

- Ооба, мен энемин, бактысыз энемин, - Гүлсүн ыйлап өзү жатчу бөлмөгө кирип кетти. Жайна унчукпай кала берди. Кечинде Асыл жумушунан келип Алмагүл менен ойноп жаткан Кубанычты көрүп:

- Качан келишти булар? - деди Жайнага ээк кага.

- Жанараак эле келишти.

- Сенсиз жашай албаптырбы?

- Койсоңчу Асыл, Гүлсүн укса капа болот.

- Деги айтам да, - деп отура кетти. Эртеси Гүлсүн менен Жайна Ала-Тоо аянтына жөнөштү. Экөө балдарын алып, Кубаныч менен Алмагүлдү өзүнчө сүрөткө түшүрүп, кечке паркты айланып кеч кайтышты. Көңүлдөрү куунак, көргөндөрүн айтып күлүп отурганда Асыл келип:

- Экөөңөрдүн көңүлүңөр куунак го? - деди Гүлсүндү кыя карап Жайнага ыктай.

- Балдар менен көңүл ачып келдик.

- Жакшы кылыпсыңар.

- Өзүңдүн ишиң кандай, түштөнүүгө келбей калчу болдуң?

- Иш да жаным, кээде сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк болбой калат, заман дагы өзгөрүлүп баратат, иштен кыскартуу болот имиш, Горбачев базар экономикасын жарыялап коюп элдин баары соода сатыкка өткөнү калды.

- Эл көргөндү көрөбүз да.

- Ошондо дагы аракет кылбасак болбойт.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Азыр приватташтыруу жүрүп жатат, эптеп ишканага караштуу бир имаратты менчиктештирип алышым керек.

- Кийин эмне болот анан?

- Эмне болмок эле, союз ыдырап эси эңгиреп турганда эбин тапсак көп нерсеге жетишебиз, айылга барып малдан дагы үлүш алуубуз керек, атамды балдар менен бизди жаздырып кой деп айтышым керек, кой, уй, жылкыларды дагы бөлүштүргөндө бизге да тие турган болсун.

- Кереги эмне, аны алган менен кайра чогултуп калса кантип төлөмөк элек, өзүң төлөй албасаң укум-тукумуңа карыз болуп калат экен деп жатышпайбы, байкуш небере чөбөрөлөрүбүзгө түйшүк болуп калбайбы Асыл, тынч эле бололучу, - Жайна кабатырлана сүйлөдү.

- Эч коркпо, буйруганын көрүш керек.

- Тынч эле жашасак боло.

- Эмнеге эле коркуп жатасың, көрөсүң го эл дегендин эси ооп эле калды, соодага көнбөгөн эл эмне болоор экен, бизде да мал-кел бар, ары жагын улап кетебиз, токчулукта жашап көнүп калган байкуштарга кыйын болот го? - деп Асыл аялын карады.

- Кой, элди эмне кылабыз, биз дагы эл мененбиз да, алар эмне болсо биз ошолбуз, тамак ичели эми, жан-жаныбар дем алып жашаган кең ааламда тагдырыбыздын жазганын көрөбүз, - Жайна Гүлсүндүн жаткан бөлмөсүнө баш бакты. Ошентсе дагы алар бүт кыргыз элинин башына түшкөндү бир отуруу менен чече албасы анык эле, эгемендүүлүктү алып, Демократия деп төшүн кагып, бийликке келген ажонун көзүн карап, атын чаап, камчысын булгагандар дагы эзелтен бийликтен тайганда жүз үйрүп, кайра жаңы келген эл башчысынын таманынан өбүүгө даяр турган адамдар дагы дал ушул заманда өөрчүп турган эле. Чындык чыркыраган бойдон ачыкка чыкпай канча замандар өтпөдү, таза, ак дил бей күнөө адамдардын өмүрүн курмандыкка чалбадыбы ошол эки жүздүү адам аттуулар: "Элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол", - деп аалымдардын айтып кеткен сөзү канчалаган жылдар бою күчүн жоготпогону, таасын айтылганы анык эмеспи. Асылдын иштеген иши май талкандын өзү эле. Өзү дагы алдым жуттумдук пейили менен далай адамдарга зыян кылып, келин-кыздын көз жашын төгүп эркектин аягы суюгунан эле. Жайна күйөөсүнө ишенип таап келгенине топук кылып, балдарынын энеси болгонуна сыймыктана аялдык мээримин аянбай келет. Гүлсүн эми эки оттун ортосунда калды, кандай кылаарын билбей эси эңгирей отуруп эле өзүнүн тирүү же өлүү экенин сезбей дел болуп турду. Канчалык өзүн карманып тобокелге сала ата-энесине бара бергиси келгени менен абийири жол бербей турду: "Мен деп жашап, менден үмүт этип, бүт өмүрүн менден жакшылык күтүп жол карап отурган ардагым элеңер го, бетимди сыйрып баламды көтөрүп алып барсам эл караган бети жер карайт го", - деп жүрөгү сыздап жатты. Баласы үчкө чыгып, тили сүйлөп, буту басып калган. Асылдан Жайна жокто коркуп андан алыстап, үйгө кирбей күн өткөрдү. Жайна акыркы экзаменди тапшырып окуу жайга кеткен, Алмагүл менен Кубанычты ойнотуп, кичүү уулу Акматты уктатып жаткан. Сырттан кызуу келип Асыл ичкериге кирип кетти, көп өтпөй балдар да уктап калганынан сыртка чыгып короо ичиндеги отургучта отурган Гүлсүндүн жанына Асыл келип отурганда ал селт этип алды.

- Эмнеге менден жан алгычтай коркосуң? - деп Асылбек аны колунан кармап калды, - Коркпо, жеп жибербейм.

- Сенден коркконум жок, абийирсиздик кылуудан корком.

- Койсоңчу, абийир дегенди сен эчак эле унуткансың да.

- Менде эмне өчүң бар, кое бер Жайна келип калат.

- Ал кеч келет, студенттердин кечеси болот экен.

- Балдар ойгонуп калса уят, Асыл ушундайыңды койчу, - деп колун жулкту эле кое бербей өзүнө күч менен тартканда анын өзүнө чабыла түштү, Асыл аны бекем кучактап оозун басып короо ичиндеги времянкасын көздөй жөнөдү. Тыбырап бошонууга аракет кылганы текке кетти, бөлмөгө киргизип эшикти бекитти да чаң баскан жакшы бүтө элек бөлмөнүн ортосуна тепкиленип жаткан келинди басып жыгылды.

- Акма-ак! - деп оозу бошой түшкөн Гүлсүн бакырганда кулак түпкө муштуму менен койгондо ал эси ооп жатып калды, Асыл ага ач карышкырдай асылып өз билгенин кылды да туруп шымын топчулап жатканда Гүлсүн көзүн ачып эсине келип ордунан туруп, - Акмак, мен эми чыдай албайм, Жайнага баарын айтам, - деп буркурап оңдонуп кийимин кагып жатканда ээктен ала кыжырлана:

- Эй жалап, Жайнага айтчу болсоң чындап өлтүрөм, мени жаманатты кылам десең жаңыласың, өзү асылып жүрөт деп айтам уктуңбу? - деп кабыштыра кармаган бойдон түртүп ийди, теңселип барып дубалга тийип отуруп калды, көзү караңгылай түшкөн эле, - Өзүңдү ирээтке келтир да балдарды кара, мындан ары мен айтканды аткарасың, кыскасы экинчи катыным болосуң, бир аз чыдасаң өзүңчө үй алып бөлүп коем! - деп ары басканда Гүлсүн жерде жаткан рейканы алып Асылды башка чапмак болуп келе жатканда артына бурулган ал көрө калып колун кайрып рейканы алды дагы өзүн төбө тушка кандай шилтегенин өзү сезбей калды. Гүлсүн жыгылган бойдон бир-эки бутун силкип, дирт-дирт этип былк этпей калды. Асыл эшикти жаап чыгып кетти, ал анын өлгөнүн билбеди: "Коркуп калат, Жайнага айта албайт, кетсе кете берсин", - деп ойлонуп үйүнө кирип кайра чыкты да Гүлсүндөн кабар алганы эшикти ачып караса ошол бойдон жаткан: "Эси ооп калган го", - деп жанына келип караса дем алганы сезилбейт, жүрөгү болк этип денесин кармап көрсө муздап бараткан экен. Коркконунан эшикти ичинен илип алып ички бөлмөсүнөн күрөк алып чыкты да туалеттин ары жагын казып кирди. Бир кезде кичинекейи Акматтын ыйлаган үнү угулуп калды, шашыла үйгө кирип баланы кургактап сүт берип жаткырып койду да саатты караса кечки сегиз болуп калыптыр: "Жайна келип калбаса экен, туалетке салып ийсемби", - деп ойлоду да жым дей түштү: "Ансыз дагы туалет казганга кол бошобой жүрбөдү беле, Жайна дагы кубанып калсын", - деп туалетти калкалап турган төрт жыгачты сууруп алып калкалаган чүпөрөктөрдү алып шашыла кирип эки жакты каранып келиндин өлүгүн ороп жерге сүйрөп алып келип чуңкурга салды да ары жактан казылган топуракты үстүнө боргулдана тердеп ыргытып жатты. Жайна курсташтары менен отуруп эмчеги ооруганда зорго бошонуп чыгып шашыла автобуска түшүп жөнөдү. Ал келгенде күүгүм кирип калган, бул убакта Асыл жерди казып өлүктү эски туалетке көмүп бүтүп калган: "Билинбей калат, муну ким издеп келмек эле", - деп ойлонуп Жайнага жооп даярдап жатты, кичинекейинин үнүн баспай ыйлап жатканынан сүт бышырып берип ичиргени жатканда Жайна келип калды.

- Мынча эмнеге кечиктиң, балалуу киши ушунча да жүрөбү? - деп ачуулана карады.

- Эмне болду, ыйлап жатабы, Гүлсүн жокпу? - Жайна күйөөсүнүн колунан баланы алганча суроо жаадырды.

- Аның мен келгенде эле кеткен, - Асыл бурк эте жүзүн буруп кетти, аялынын жүзүн кароодон айбыгып өзүнө келе албай жаткан эле.

- Кайда барам деди эле?

- Мен кайдан билем, баласын таштады да кетти.

- Жумуш издеп кеткен го? - деп Жайна арам ою жок эле уулун эмгизип отуруп калды, - Каралдым десе, апасын сагынган тура, сүтүн ичкиси келген тура.

- Эрте эле баса берсең болмок.

- Аракет кылдым, кыздар эле болбой туруп албадыбы.

- Мен эрте келгемин, туалетти жаңыла деп эле жан койбойсуң, колум бошто казып коеюн дедим, эртең дагы бир аз казып тосуп коеюн, - деп Асыл өзүнүн ишинин бети ачылып калбасын дегендей алдын ала эскертти.

- Ырас кылган турбайсыңбы, беркини жакшылап көмдүңбү, сасыгы урбай турган кылып?

- Иги-жигин билгизбей аркынын топурагын толтуруп салдым, - деди да: "Бир кылымга жатса да билинбейт, өзү эле өлүп алды, мен аны коркутуп эле коеюн дегем, ажалы жеткен экен да, карыган ата-энеси аны кайдан издемек эле, өз убалы өзүнө", - деп өзүн-өзү сооротуп, алаксытып жатты, Жайна эч жамандык оюна дагы келбеди, жумуш издеп кетсе келээр деген ойдо тамагын жасап, балдарды тойгузуп орду-ордуна жаткызып уктатып койду да өзү ордуна жатып калды. Көпкө чейин Асыл түшүнөн чоочуп, уктап жатып ыргып тура калып жүрүп кийин билинбей да калды. Жайна эле кабатыр болуп жүрдү:

- Гүлсүнгө эмне болду экен, баласы аны күтүп кусаланып кетпегей эле.

- Ал атайын эле баласын таштап кеткен го, уялбай ата-энесине баргандыр? - Асыл курулай ушинтип жооп берди.

- Койчу Асыл, Гүлсүн баласын таштамак эмес.

- Анан эмне кыл дейсиң, дүйнөнү түрө кыдырып издейинби мен? - Ачуулана карады Жайнаны.

- Анча эле эмнеге ачууң келди, айтып жатам да.

- Айтпа мага, баласын дагы көзүмө көрсөтпөй жогот!

- Апей Асыл, мунуң эмнең? - Жайна күйөөсүн таңгала карады, - Сен эмне болуп жүрөсүң, сиркең суу көтөрбөй.

- Эчтеке, - деп ары карап кетти, ошондон баштап алар Гүлсүндү кеп кылбай да калышты, Жайна өзүнчө ойлонуп анын айтпай кетип калганына бирде таңгалса, бирде ишенбей убакыт өтө берди, акыры баласын балдар үйүнө тапшыруу менен бүттү... Апасынын келгенин көргөн Асыл кирип келип эле:

- Оо апам келип калган го? - деп учурашып жанына отура кетти, - Атам кандай жатат апа?

- Алдыңа кетейин десе, атаң жакшы эле, өзүң кандайсың садага? - Эне уулун өөп бооруна кысты.

- Баары ордунда апа, кыйналбай эле келдиңизби?

- Жо-ок, машина деген бар эмеспи, кыйналбай-кысталбай эле келип калдым, неберелеримди көрүп кубанганымдан чарчаганым билинбей калды да, - Анаржан неберелерин мулуңдай карады, - Акматың болсо күлүп калган тура секетиң кетейин.

- Ооба, чоңоюп эле калды, сизди шылдыңдап күлдүбү?

- Анан эмей, чоң энем эмдигиче көрө элек деп эле алжаңдап күлүп жатат.

- Чоң энесине эркелейт да апа.

- Ооба каралдыларым десе, - Анаржан бактылуу жылмайып алды, Жайна аңгыча тамак ашын алып келип калды.

- Кел апа, тамактан ал, мына көрүп турасыз, жакшы эле жашап жатабыз, - Асыл апасынын алдына жиликти коюп колун жаңсады, негедир ушул саатта анын маңдайы ачык болуп отурду.

- Кудайга шүгүр, ушинтип эле аман-эсен эл арасында жүрө бергиле айланайындар, - Эне келинин бир карап, уулун бир карап коюп отурду, анткен менен сезгич эне жүрөгү уулунун чындап эле арыктап кеткенин көрдү, жүзүнө уурдана карап сынагандай: "Бул баланын жүрөгүндө бир сыр бардай, бирдемеден коркуп жүргөн жокпу бул, же чоочуп калдыбы, өзүнчө сурап көрөйүн", - деген ойдо табакка кол узатып келинине көз жүгүрттү. Жайна жакшы келин, кайын журтун сыйлаган келин, ыймандуу ырыскылуу келин.

- Апа, айылда кандай, мал-салды бөлөбүз деген имиштер болуп жатабы?

- Ооба, уй жылкыны, койлорунун баарын бөлөт имиш.

- Апа, мени үй-бүлөөбүз менен жаздырып койсун атам, ошол малдан бөлдүрүп ала бересиңер.

- Ботом, атаң ак жүрөк экенин билесиң, өзүбүзгө бөлүнгөндү деле албайм деп жатпайбы, мунуңду айтсам мени сөгүп урушат кокуй, - Анаржан уулун ормое карады.

- Туура да апа, жанталашканда эмне, атамдыкы туура эле, өз ырыскыбызды буйрусун, - Жайна күйөөсүн жаман көрө карады.

- Эй кызык экенсиң деги, ашык дөөлөт баш жарабы дешет го, андан көрө бир башка бештен кой, бир уй, бир жылкыдан берсе алып коюш керек, анда мен өзүм барам да сельсоветке жазылып коем, балдардын кийинки жашоосуна кам көрүш керек, заман өзгөрүлүп кетсе алар кыйналбай жашашат да.

- Балам, ар бир адамдын төрөлгөндө ырыскысы кошо жаралат, пейилди оңдосо пендеге кудай өзү берет.

- Апа, кудай берет деп жүрө бергенде болмок беле, адам деген тырышып жашаш керек, алма быш, оозума түш деп жата бергенде болмок беле? - деп жинденип кетти Асыл.

- Асыл, болбогонго ачууланбай апама тынчыраак тамак ичирчи, эмне болуп эле жатасың?

- Болду, кеңешээрим силер болсоңор болупмун да, - Асыл унчукпай калды, тамактанып бүтүп Жайна идиш аягын жыйнап жатканда Асыл, сыртка чыгып кеткен, ал чылым чегип эшиктин алдында туруп алып приватташтырган короо сарай менен малдардан алууну самап турганда ажаткана тараптан бир ак шоола көрүндү, таңгала ал жакты карап калганда баягы ак шоола узатып барып адамдын түспөлүнө келди, анан бир кезде узатып барып ак көйнөкчөн аялга айланды да бери көздөй жылып жөнөдү эле Асылдын бүткөн бою "дүр" этип барып муздак тер чыгып калчылдап кирди, жакындап келе жаткан ак көйнөкчөн аялдын бети көрүнбөй бет маңдайына келгенде Асыл турган жеринде өзүн жоготуп чалкасынан кетти. Анын жыгылганын эч ким деле билбеди, көптө барып өзүнө келип көзүн ачып эмне болгонун сезбей башы кеңгирей турду да эмелеги элести көргөнүн эстей коюп жүрөгү болк эте шашыла үйгө кирип келе жатканда Жайна кайненесин эшикке ээрчитип чыгып келе жатып сүзүшүп алды.

- Балам, эшикте мынча эмне жүрдүң? - Анаржан уулуна анча көңүл бурбай чыга берди.

- Чылым чектим, - деп коюп Асыл кирип кетти. Жайна деле эчтекени сезбеди, Асыл жүрөгү дүкүлдөп ичке кирип да тынч ала албай жатты: "Арбак көрүндүбү мага, мурда мындай болчу эмес эле, бул үйдү сатып башка жактан алып алсак окшойт, бул соо белги эмес, Жайна көрсө жүрөгү түшүп өлөт, кой үй-бүлөөмө зыяны тие электе кетип калайын", - деп ойлонуп ашкана бөлмөдөн суу ууртады. Бүткөн боюнун калтырагы али басыла элек, сырттан кирип Жайна төшөк салганга киришти, Анаржан отургучка отуруп жатып:

- Ий белим кокуй, - деп орун алды да Асылга карап ормое саамга туруп калды, - Ээ балам, сенин өңүң эмне болгон, кубарып кетиптир да?

- Эчтеке, - Асыл ары карап кетти.

- Ботом, бери карачы.

- Эмне болду эми, мени эмне кыласыз, жатып эс алыңыз.

- Ой бала, сен башкача болуп турасын да.

- Жакшынакай элемин.

- Сен бирдемеден чоочуп, коркуп калгансың го?

- Жок! - деп бурк этти.

- Аа-ай балам ай, - Анаржан кейий унчукпай калды.

- Апа, жатып эс алыңыз, - деди аңгыча Жайна.

- Жатайын балам, - деп Анаржан ордунан туруп сырткы кийимдерин чечип төшөккө жатмак болуп жатканда Асыл өздөрүнүн бөлмөсүнө кирди, Жайна балдарын жаткырып жылуулап жаап коюп Асылга эми көңүл бура карап алып чоочуп кетти.

- Ай сага эмне болгон?

- Эчтеке, эмне болуптур? - Асыл аялын акырая карады.

- Эчтеке, эчтеке деп эле мурдуң менен бир тиесиң, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген, деги эмне болуп жүрөсүң, кебетеңди карачы, өлгөн адам өңдөнүп кан сөлүң качып кетиптир! - Жайна ушул ирээт ачуусу катуу келип булкулдап жатты.

- Эмне деп эле келжиреп жатасың, мага эмне болуптур?

- Кайдан билем, жүзүңдү карачы, минтип жүрсөң жинди болуп кетесиң, молдо-кожого дем салдырбасаң болбойт, - Жайна ыйлап калган баласына алаксый кетти, Асыл аялына ачуусу келгенин ичине катып: "Чын эле дем салдырсам окшойт, кой өзүмдү кармабасам болбойт, үй-бүлөөмө жек көрүнүп баратат окшойм", - деп ойлоп сыртка чыкмак болуп баратып жанагы көргөнүн эстегенде кайра жүрөгү шуу дей түшүп жатмак болуп чечинип жата калды: "Эмнеге көрүндү, Гүлсүн мага нааразы болуп калган экен, мен эмне аны атайын өлтүрдүмбү, болбосо ал мени өлтүрмөк, өлбөсөм да башымдан жаракат алып Жайнага дагы сырыбыз ачылмак, өзү кылды", - деп ойлонуп чүмкөнө жатып ойлонгон боюнча уктап кетти. Жайна кичинекейи чыргоолонуп ыйлаганынан алып отуруп эмгизип үргүлөп жаткан, ошол кезде Асыл катуу чоочуп тура калды, эки жагын карап аялын көрүп терин аарчып эшикке чыккысы келгенинен үстүнө көйнөгүн кийинип турду да босогого жетип кайра артка кайрылды.

- Сага эмне болду, катуу чоочудуң го? - деди Жайна.

- Чоочуган деле жокмун, түшүмдө заара ушаткым келип жатыптыр, ошонуку го? - деп жалгыз чыга албай турганын айта албай турду.

- Чыгып келип жат.

- Азыр...

- Эшик сүттөй жарык, - деп койду Жайна.

- Айдын отуруп тийген кези го?

- Ообу, ушундай кезде балдар-кыздар чогулуп ак чөлмөк ойногон кандай сонун, балалык кез эле жакшы экен.

- Бала уктабай жатабы?

- Ооба, чыргоолоп калыптыр.

- Этият кылчы, - деген Асылдын жүрөгү дагы болк этип алды: "Балдырыма зыяны тийбесе экен, үч айдан өттү, арбакка айланган экен да, эмне кылсам, үйдү саталы десем макул болобу", - деп ойлонуп табарсыгы ооруганынан аргасыз тобокел кыла эшикти көздөй жөнөгөндө Жайна баласын жаткырды да:

- Токточу, мен дагы чыгам, - деп кошо чыкты. Ошентип жубайлар сыртка чыгып кайра кирип жатып калышты. Ошол күнү Анаржан дагы бир шумдуктуу түш көрдү, түшүндө бир ак кийимчен аял мурунку ажаткана турган жерден чыгып эле колуна тор көтөрүп алып Асылды кубалап жүрөт имиш, ортого арачы түшмөк болгондо баягы аял кадимки эле тааныш аялдай аны акырая карап: "Сен жолобо, мунун кылмышы бар, өзүм кармайм", - деди да кайрадан кубалап жөнөдү, Асыл качып үйгө кирип кеткенде ал артына бурулуп баягы чыккан жерине баратканда Анаржан артынан жөнөдү, жетип эми кирип кетмек болгондо көргөн көзүнө ишенбей токтоп калды, көрсө жерди көздөй кирген жол бар экен, жапжарык болуп турат, аялдын элеси көрүнбөй калганда чоочуп ойгонуп кетти: "Кудай, садагаң кетейин жаратканым, бул эмне деген белгиң, баламды бар балаадан, жок жалаадан сакта", - деп кобурана сыртка чыгып келип: "Таң да атып калыптыр, эртерээк туруп Асыл менен сүйлөшөйүнчү, Жайна бекер эле айта бербейт", - деп туруп кийинип кайра сыртка чыгып бети колун жууп үйгө кирди. Түнү бою баласы менен алек болуп уктабаганга Жайна көшүлүп уйкуда болчу, таңкы уйку ширин эмеспи, Асыл баягыдан кийин көзүн ирмебеди. Ойлонуп жатып апасынын эрте туруп алганын байкап: "Кары кишилерде уйку болбойт да, эрте туруп алыптыр", - деп ойлоп:

- Жайна, турчу бай болгур, апама чай-пай бер, - деди.

- Бир аз уктап алайынчы?

- Экөөбүз жатып алсак, апам туруп жүрсө болбойт го?

- Ии-ий, түнү менен бала ыйлап уктатпады, - Жайна кейип-кепчип аргасыз туруп кийинип жуунуп келди, - Апа, эмне мынча эрте туруп алдыңыз?

- Ээ балам, карыганда уйку качып калат тура, жата бербейт белең.

- Акмат ыйлап чыкты, чыргоолоп калыптыр, - деп уйкусурай чай коюп анан бир азга көчүк басты. Саамдан кийин үчөө дасторкондо отурушту.

- Ботом, тигил ажатканаңар жакта бир сыр бар, - дегенде Асыл апасын жалт карап жүзү бозоро түштү.

- Эмне сыр, кайдан билдиңиз?

- Билбейм, эски ажатканаңардын ордунан ак кийимчен аялдын арбагы көрүндү, мурда байкаган жок элем, түшүмө да кирди, - деп Анаржан уулуна кайрылганда ал жер карап отуруп калды, - Этият болуп куран окутуп койгулачы балам.

- Жөн эле айта бересизби? - Асыл күңк этип койду.

- Деги эле укпайсың, апам бизге жаман санамак беле, куран окутса окутуп коелу, - Жайна күйөөсүн карады, - Баса бүгүн милициянын бөлүмүнө баргыла дебеди беле, унутуп калган турбайынбы?

- Эмнеге? - Асыл аялын алая карады.

- Гүлсүндүн жоголгону тууралуу арыз жазбадым беле, ошого түшүнүк жазгыла дейт, такташат да, паспортун таппай койдум, баласын дагы сурады.

- Жинди болдуң беле, аларың чакырып алып ар кайсыны сурай берет да, - Асылдын тура калып, отура калып тынчсызданганынан улам Жайна күлүп калды.

- Сурак кылгыдай биз эмне кылдык эле, жөн эле биздикинде жашаганы чындык деп тактама беребиз, анан өздөрү издешет.

- Эмнеге эле аны издетип жатасың эми, ата-энеси өздөрү издеп алсын, - Колун силке жинденип жатты, - Бир жоголмоктон миң жоголбойбу!

- Апээй, сен кызыксың го, ал да адам да, ата-энеси анын жоголгонун кайдан билет, биз билебиз да аны, эгерде анын ата-энесинин дарегин билсем бармакмын, баласын аларга бермекмин, жетимканага таштаганча.

- Эк, ушу сеники өтүп кетти.

- Кой, экөөбүз барып тактама жазып берип баса берели.

- Сен бара бер, мен жумушка барам, - Асыл туруп барып илгичтен костюмун алып кийинип чыгып баратканда Анаржан:

- Балам сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, токтой турчу, - деп турмак болгондо Асыл колун шилтеди.

- Кечинде келем.

- Мен кетейин дебедим беле.

- Кетесиз да.

- Айылга барам деп жаттың беле балам?

- Жакында барам апа, - деп чыгып кетти.

- Көрдүңүзбү, буга бирдеме болгон, эч кимди укпайт дагы, өзүнүкү гана туура, сүйлөсөң ызырынып эле турат, эмнеси бар экенин билбейм, - деп Жайна кайненесине даттанып калды.

- Мындай эмес эле, - Анаржан ойлуу үшкүрүнүп алды, Жайна Алмагүлдүн кардын тойгузуп, кийинтип:

- Ойной бер кызым, - деп койду, анан өзү кийинип алып, - Апа, баланы карап отуруп туруңуз, мен бат эле келем, барбай койсом болбойт, - деди да чыга жөнөдү, бөлүмгө келсе Нурлан өзү отурган экен:

- Келиңиз эже, күйөөңүз келген жокпу?

- Анын колу бошобой калды, бир күнү ал да келет го?

- Мына буга болгонун болгондой кылып жазыңыз, паспортун таппадыңызбы?

- Өзү алып кетсе керек, кийим-кечеси турат.

- Макул, издейбиз аны, - Нурлан көзүнүн төбөсү менен аны карап коюп отура берди. Жайна түшүнүктү жазып бүтүп алдына койгондо бир сыйра көз жүгүртүп карап чыкты да, - Бизге ата-энеси тууралуу маалымат болгондо жакшы болмок, балким ошол жакка кеткендир? - деди Жайнагүлдү карап.

- Андай болушу мүмкүн эмес, ата-энесине кетип ушунча убакыт жүрө албайт болчу, баласына келмек, ал жумуш издеп жүрүп эле бир балээге учурады, же күйөөгө чыгып баласын жашырып жүрдү бекен? - Жайна ага өз оюндагысын ачык айтты.

- Ошондуктан так дареги керек, аты-жөнүн толук билесизби?

- Дыйканбаева Гүлсүн.

- Чоң атасынын атычы, паспорту болгондо жашаган жерин тез табат элек.

- Дыйканбаева Гүлсүн болуп эле катталчу.

- Макул эже, бара берсеңиз болот, күйөөңүз дагы келип көргөн билгенин айтып, жазып кетиши керек, түшүндүрүп айтыңыз.

- Макул, - Жайна бөлүмдөн ойлуу чыкты: "Ал кайда кетип калды, баласынан кечип кете турган неме эмес болчу, ага бир нерсе эле болду, эмне болушу мүмкүн, же чын эле баласын таштап кетип калдыбы, неге анын кай жерлик экенин сурап койбодум экен, туулган жерин тапса оңой табылмак", - деп ойлуу үйүнө келди. Гүлсүндүн паспорту иш издеп жүргөндө бир мекемеде калган, алар аны бир айдан кийин кел, "жумушка алабыз", - дешкен эле. Ошентип Жайна үйүнө келсе уулу ыйлап жатыптыр, Анаржан сүт даярдап бере албай көтөрүп соорото албай жаткан экен.

- Апа, сизди кыйнап жатабы? - Жайна дароо ала койду.

- Какмар десе, бир топ эле ыйлаак тура, момурап эле жатса жоош экен дедим эле.

- Жок апа, чыргоолонуп калыптыр, өзү абдан жоош.

- Эмнеси болсо дагы аман болгула айланайындар, боосу бекем болсун, - Анаржан отура кетти, - Бала алганга жарабай калыптырмын, белим ооруп калды.

- Эс алыңыз, мен азыр чай алып келем.

- Уулуңду тойгуз, мен ачка эмесмин садага, Алмагүлдү дагы алып келип бирдеме бер.

- Ооба, сиз эс алып алыңыз, бала менен чарчадыңыз го?

- Милийса эмне деди балам?

- Ошо, силердин үйүңөрдө канча жүрдү эле дейт, мен баарын толук жазып бердим.

- Ии-ий-и, милийсалар ошентет да балам.

- Чынында жаман болду да, таңгалып эле калдым, ал мага бир жакка бараарын айтып турчу, ошол күнү менин кеч келээримди дагы билчү, балдарды карап калган, ал тургай дипломуңду алып келсең жууйбуз деген болчу.

- Ким билет балам, адам кулпулануу сандыктай болот, ичинде эмне жатканын билбейсиң, - Анаржан оор дем ала жаздыкка кыйшая кетти, - Дагы бир жакта жүргөндүр, азыр элдин пейили өзгөрдү.

- Ата-энесине барбаса аларга деле кыйын болду да, байкуштар коюн союп, карын май, чаначтап сүзмө, ар ай сайын акча берип ийишет, ошол дарек боюнча өздөрү келсе болот эле, же чын эле Гүлсүн баласын таштап кетип калды бекен? - Жайна өзүнчө эле ар кайсыны ойлонуп, сүйлөп койду, Анаржан чарчагангабы көзүн жумуп алып уктагандай жатып калган...

Бул кезде Дыйканбай кызын күтө берип оорукчан болуп төшөккө жатып калган, Нуржамал сыртка чыгып малын карап, үйгө кирип чалына тамак аш берип санаасы шаардагы кызында болуп кыйналып кетти.

Дыйканбай бир күнү:

- Кемпир, сен жанагы Гүкү берип кеткен кагаздагы үйдү таап өзүң бир жолугуп келсең боло, - деди баш көтөрө.

- Сени бир үйгө жалгыз таштап коюп анан кантип барам, барган-келгенге эки күн кетет, дагы бир күн туруп калсам сен кантесиң, өзү келээр.

- Кемпир, мен жаман түш көрдүм, кызыма бирдеме болгонбу дейм, - деди Дыйканбай үнүн дирилдете.

- Ок, кантип оозуң барды? - Нуржамал күйөөсүн акшыя карады, - Жээриңди жедиң, ичээриңди ичтиң, өзүңө эле көрүнсүн, кара башыңа көрүнгүр! - дегени менен өзү деле бир нерседен күдүктөнүп чоочуп жүргөн эле: "Ка-ап, баягы келгенинде эле ууз жыттанып келди эле, ачык сүйлөшсөм болмок экен, ал кыз соо болбой калды го, кантейин - кантейин", - деп жүрөгү миң жеринен тилингендей зыркырай көзүнөн жаш куюлуп отуруп калды.

- Гүлсүн түшүмдө чоң энеси менен отурган экен, - деди Дыйканбай, экөө бирдемелерди сүйлөшүп жатат, мен жакындай бергенимде апам мени карап: "Токто, кызым экөөбүз сүйлөшүп алалы, сенден мурун келбедиби", - деп колун көтөрө токтоткондо эле ойгонуп кеттим, бул түш үч жолу кирди кемпир.

- Эмне кыл дейсиң, кайдан издейбиз, ошол үйдөбү, же башка жагына кетип калдыбы ким билет, мурун шаарга барбасам, кайда бараарымды билбей адашып өлөм го? - Нуржамал көз жашын жоолук учу менен аарчый сүйлөдү.

- Биз бергенди алып барып жүргөн таксиске барып көрсөңчү, ал көргөндүр Гүлсүндү, же башка эле бирөөгө берип жүрдү дейсиңби?

- Ким билет, мына беш жылдан өтүп баратат, окуусун былтыр бүтмөк, эмнеге келбей жатат билбейм.

- Таксистти чакырып кел дагы сурап көр.

- Ма-акул, - Нуржамал сыртка чыкты, шаарга каттачу таксилер турчу жерге барып тааныш таксистти көрө албады: "Капырай, атын билбесем кантип сурайм, ушул айылдан болом дегендей болду эле, кимдин баласы экенин сурап албай", - деп таксисттердин жанына жеткенде алар жете келишти:

- Шаарга барасызбы эне, жүрүңүз кеттик.

- Жүрүңүз, менде бир адам жетишпейт, дароо эле кетебиз.

- Койсоңорчу, каалаганына түшөт да, - дешип өздөрүнөн өздөрү кужулдашып жатты:

- Мен эч жакка барбайм балдарым, силердей эле бирөөнү издеп келдим эле, - Нуржамал алардан үмүттөнө карап калды.

- Ким деген машинасынын өңү, номери кандай эле?

- Балам, ошону билбейм, шаардагы кызыма дайыма белек-бечкек берип ийчү элем.

- Ой кокуй эне, ата-жөнүн билбесеңиз кантип табасыз?

- Ошону сурабаптырмын айланайын.

- Жок дегенде өңүнөн тааныйт белеңиз?

- Тааный албайм го?

- Кандай кыласыз анда, бере турганыңыз болсо дареги менен биз деле жеткирип беребиз.

- Дареги жазылган кагаз ошондо эле.

- Анда кантебиз, болбойт эне.

- Карылыгың менен жерге кир десе, - Нуржамал күңгүрөнүп сүйлөнө артына кайрылды, ал келгенде эле Дыйканбай үмүттүү карап башын көтөрө сурады:

- Таптыңбы?

- Кайдан, ал жок экен.

- Ка-ап, болгондо жакшы болот эле, такси менен эле экөөбүз тең жетип барат элек.

- Атаганат десең, эсиме жара чыгып Гүкү жазып берген кагазды көчүрүп алсам эмне?

- Мейли эми, аман-эсен болсо келип калаар, иштеп калса жүрө берет ал, өзү дагы доктур болгусу келчү эмес беле, - Дыйканбай муну менен өзүн, ыйламсыраган кемпирин аяп соороткону эле, оорусунан өйдө боло албай Нуржамал тамакты өзү ичирип, төшөктөн тосуп багып жатып убакыт билинбей өтө берди, айылдык райондук ооруканаларга жатып дарыланып бир аз жакшы болуп калды. Ошондо гана экөө бирге шаарга жөнөмөк болуп таксиге отурушту. Таксист бакылдап узун жолдо Нуржамалга кайрылды:

- Эне, кызыңызга мен алып барып берчү элем, андан бери өзү келип жатабы?

- Эмне дейсиң балам, сен белең? - Эненин жүрөгү болк дей түштү, кубанганы же чоочуганы белгисиз, бир нерсени сезгендей денесин майда калтырак басып кетти, - Мен сени тааный албай калган турбайынбы?

- Ооба, мен шаарга кеткенде сурап келипсиз, колум бошоп бара албадым, унутуп да калыптырмын.

- Балам ошол алып баргандарды кызым өзү алчу беле? - деди Дыйканбай.

- Ооба, сулуу кызыңыз бар экен го, менимче колунда баласы бар болчу, күйөөгө чыккан окшойт ээ? - дегенде кемпир-чал бири-бирин карап калышты, сүйлөөгө дармандары жок эле, - Үч жыл каттадым, андан бери беш жыл өтүптүр.

- Жо-ок алты жыл, - деди Нуржамал.

- Аа-а, чын эле алты жыл өттү.

- Ошол үйгө бизди жеткир балам.

- Албетте, сиздерди өзүм алып барып коем, - дегенде таксис жайдарылана радиосун коюп зымырата айдап кетип баратты. Дыйканбай менен Нуржамал үмүттүү жол карап кетип жатышты: "Күйөөгө тийсе бизге эмнеге айтпады, ата-энесиз жетим кыздай болуп жүргөнү эмнеси, же бир дини бөлөккө тийип алып айта албай жүрдү бекен", - деп ойлонгон Нуржамал кызына таарынып барбай койгусу келди, жанындагылардан айбыгып чалы экөө ээн сүйлөшө алышпады, өз ойлору менен алек болуп кете беришти. Шаарга жеткенче нечен түркүн ойлорго батып бара жатышты.

Асыл аялына үйдү сатып башка жактан үй алалы дегенде ал болбоду. Баягыдан кийин Асыл сыртка кечкисин чыкпайт, чыкса дагы бирөө кубалап келе жаткандай шашып жүгүрүп кирет. Жайна ага кээде күлкүсү келсе, кээде таңгалып, кийинки кездери арыктаганы аз келгенсип сакал мурутун дагы албай койду, жумушунан кыскарып үйдө болуп калган. Ишкана ачам деп документ жасап жүргөн анысы да калды. Милиция болсо кийинки күндөрү тез-тез чакырып сурачу болду, бирок эч кандай илинчек болбогон соң ишти жаап коймок болгон Нурлан алардын үйүнө келди, Жайна үчүнчү баласын жаңы төрөп келген болчу. Дарбазасынан кирип келе жаткан лейтенантты көргөндө эле Асылдын кыжыры кайнап:

- Булардан кутулуу кыйын, бир нерседен шек алып калган го эн-неңдурайындар, - деп сөгүнүп алды өзүнчө.

- Ас-салоому Алейкум байке? - Нурлан жете келип кош колун сунду.

- Кел, эмнеге эле бул үйдү айланчыктайсыңар ыя, бир катынды эри жок төрөп алганда калкалаганым күнөөбү?

- Байке ачууланбаңыз, жакшынакай эле жашап жүргөн аял кайда кеткенин билбей жатпайбызбы, аялыңыз үйдөбү?

- Анын эмне кереги бар, ошонун азабы, кайдагы бирөөнү үйгө калкалайм деп түйшүк арттырды.

- Байке, сиздерге эчтеке болбойт, аныктап эле алышыбыз керек, аялыңыздан дагы эки ооз сөз сурашым керек.

- Мен мындамын, сурай бер иним, - деп Жайна чыга калды.

- Сиздер эртең дагы бир жолу бөлүмгө келиңиздерчи.

- Сурачуңду ушул жерден сура, аякка баргыдай бекерчи эмеспиз, анын колунда жаш баласы бар! - деп Асыл терс бурулду, Нурлан анын түрүнөн бир чындыктын изин сезип эле турду, бирок сылык жооп берди.

- Байке, акыркы жолу кеткенин дагы бир жолу жазып бересиздер, азыр дайынсыздар көп болуп жатат, эгерде сиздер кайсы убакта үйдөн кайсы күнү кеткенин так, даана айтып берсеңиздер делону жабам.

- Эчак жабыш керек болчу, - деп кол шилтеди Асыл.

- Эмнеге, киши өлтүргөндөрдөн сурасаңар болот да, ошентип эле адам жоголуп кетсе кайдыгер карап кала бересиңерби, жигити да өлгөн, баласы жетимканада калды, аны бирөө өлтүргөн болбосо келмек, - деп Жайна чыйпылыктап ийди эле Асыл ага карап бакырып калды.

- Сенин ишиң эмне, милициядан алыс бол дебедим беле!

- Сага эмне болду Асыл? - Жайна ушул учурда бир нерсени сезгендей ага тигиле карады.

- Эже, сиз өзүңүз эле барыңызчы, - деди да Нурлан басып кетти, ал кетээри менен Асыл аялына атырылды:

- Ушу сен лейтенант менен соо эмессиң го, шылтоолоп эле келе берет, Гүлсүндү унут дедим го мен.

- Койчу Асыл, сен адам болбой калдың, - деп Жайна үйгө кирип баратканда Асыл ага жетип карысынан алды:

- Ийи, мен эмне кылышым керек эле, же мен өзүм Гүлсүндү өлтүрдүм деп айтуум керекпи?! - деп көздөрүнөн заары чачырай караганда Жайна коркуп кетти:

- Эмне дедиң, сен... сен Гүлсүндү...

- Ооба, мен өлтүрүп койгомун, ооба-ооба мен аны өлтүргөмүн, ооба-ооба! - деп эки колдоп башын мыкчый турган жеринде тегеренип жатканда башка сөз оозуна кирбей жүрөгү түшкөн Жайна ичкери кире качты, Асыл акылынан ажырагандай эле сүйлөп бакырып жатты, - Мен өлтүргөмүн, бар, барып айтып кел, мен аны өз колум менен өлтүрүп эски туалетке көмүп койгомун!

Ошол убакта бир коңшусу дарбазадан кирип келе жатканда аны көздөй жүгүрдү, - Эй, сенин дагы ажалың жеттиби ыя, өлгүң келип келе жатасыңбы?! - деп жүгүрүп келе жатканда ал чоочуп качып кетип милицияга чалып койду, үч баласын жанына алып ыйлап отурган Жайна эшиктерин бүт бекитип алып калчылдап жатты. Асыл үйгө кирбеди, времянкасына кирип күрөк алып чыкты да босогого келип:

- Чык Жайна, мен сага Гүлсүндү азыр алып келем, өзүң көрүп тур, ансыз дагы мага тынчтык бербей койду! - деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып жатканда он чакты милиция куралдарын чыгара ага кайрылды:

- Бегаалиев, күрөгүңдү ташта!

- Эмне, мени камайсыңарбы? - Асыл жинди болгон эмедей каткырып калды, - Жүр, жүргүлө мен силерге жоголгон аялды таап берем! - деп ажаткананы көздөй басканда алар ээрчий сактана басып баратышты, - Мына, бул жерде алты жылдан бери жатат! - деп жерди каза баштады. Жарым метрдей топурактан кийин сасык жыт чыга баштады, бирок андан соң жалаң ажатканадагы ыпыр-сыпыр чыкты, Асыл эч кимге карабай да, сүйлөбөй дагы кара терге түшүп казып жатканда аны милициянын бири артынан келип колтук тушка чапканда чукурга кулап түштү, аны алып чыгып оозу-мурдун жапкан милиционерлер буту-колун байлап машинага салып алып кетишти, бири эшикти ачып, коңшулары келип зорго ачышты, Жайна эсинен тангандай балдарын кучактаган бойдон калчылдап, көзүнүн жашы жүзү ылдый аккан изи кургап нес болуп калыптыр, аны балдары менен ооруканага алып барышты. Асылбек ошол бойдон милициялардын сураганы так жооп бере албай: "Мен өлтүргөнүм анык", - дегенден башка далил бере албаган соң аны дагы нерв оорулуулардын ооруканасына алып кетишти. Атайын кызматкерлер келип ажатканадан Гүлсүндүн сөөгүн алып чыгышты. Дал ошол күндүн эртеси түш оогон кезде Дыйканбайлар алардын үйүнүн жанына такси менен келип түшүштү. Эшиктери бекем, ошол убакта ары жактан бир тестиер бала чыгып аларды көрүп келип:

- Сиздер кимиси болосуздар? - деди маңыроо.

- Биз Гүлсүн дегенде келгенбиз, сен аны тааныйбайсыңбы уулум? - деди Дыйканбай.

- Жо-ок, андайды билбейт экенмин, Асылбек деген байке жашачу, кечээ милициялар алып кетишпедиби?

- Эмнеге балам?

- Ал деген бир аялды өлтүрүп туруп туалетке көмүп коюптур да.

- Эмне дейт кокуй? - Нуржамал менен Дыйканбайдын жүрөктөрү бир шумдукту сезгендей бири-бирин карап эле туруп калышты, бир аздан соң өзүн колго алган Нуржамал, - Асылбек дегендин аялы жок беле айланайын? - деди.

- Ба-ар, үч баласы бар, - Ал сүйлөп жатканда аларды көздөй бир аял келди, алар менен сүйлөшүп турганда дагы бир такси токтоп Бегаалы менен Анаржан келип калды. Алар дагы бул шумдукту угуп дароо келишкен эле, ошентип дал үстүнөн чыгып кызынын сөөгүн ала албай бир жума жүрүп калышты, айылына киши жиберишип туугандарын айттырып, күйүттөн кемпир чал басалбай калышты. Баардык чыгымды Бегаалы төлөп сөөктү алып айылга келишти, ошондо анын бетин ачып көргөндөр абдан таңгалышты, алты жыл жатса дагы эчтеке болбой жаңы гана өлгөн адамдай болуп жатыптыр. Күн ысык болгондуктан сыртка чыккандан кийин гана бузулуп баратканы билинип эртеси эле жерге берди. Бар чыгымды төлөп, жалгыз кызынын күйүтүнөн араң турган кемпир чалга Анаржан кетээринде бир кубанычтуу кабар айтты, болбосо экөө тең кызынан кийин кете берээр беле? Аттиң десеңчи, бири кем дүйнөнүн жыргалынан азабы көбүрөөк, кубанычынан кайгысы көбүрөөк, жарыкчылыкта бир жашап өтө турган адам баласына жок дегенде өксүктү бербей койсо эмне. Мөгдүрөп соолуган булактай көздөрүнөн жаш чыкпай, үндөрү бүтүп карайлап калган пенделерге бир үмүт пайда болду. Ээн талаа эрме чөлдө адашып, аяздуу түндө кайыккан адамдарга алыстан бүлбүлдөгөн чырактын жарыгы көрүнгөндөй эле болду...

Жайна үч күнгө чейин баласын эмгизе албай, суу ууртабай, бир нерседен корккон немедей калчылдап эле отуруп калды, жамбаш талытып кыйшайган да жок, врачтар ага укол салса да солк этпеди. Үчүнчү күнү гана өзүнө келип айланасын элеңдей карап:

- Мен ооруканадамынбы, эмнеге алып келишти? - деп жанындагы аялдан сурады.

- Билбейм, ооруп келдиң го кыязы.

- Жо-ок, менин ден-соолугум таптаза, балдарым, - деп туруп эле коридорго чыкты, медсестра аны көрүп жетип келди:

- Палатага кириңиз, турууга болбойт.

- Эмнеге, менин эч жерим оорубайт, балдарым эмне болду, кетишим керек, - деп эшикти көздөй басканда сестра врачка кирип чакырып чыкты. Экөөлөп палатага киргизгенде Жайна, өзүн токтото врачты карады:

- Сизге тынчтык керек, балдарыңыз жакшы ойлонбоңуз, дагы эки-үч күн жатпасаңыз болбойт, - деди врач.

- Кечиресиз, менин ден-соолугум жайында, эч кандай оорум жок, балдарым жаш, кичинекейим бир айга дагы толо элек, - деди Жайна токтоо.

- Түшүнүп турам сизди, катуу чоочугансыз, нервке доо кеткен, келгениңизге үч күн болду, азыр гана эс алдыңыз, эми сиз жакшылап дарыланбасаңыз ооруп калышыңыз мүмкүн, - деп врач айтканда Жайна үндөбөй ойлонуп отуруп эмне болгонун эстей албай жатканда Бегаалы менен Анаржан келип калды, аларды көрүп эле тура калды:

- Ата, апа мага эмне болду, балдарым кайда?

- Тынч, тынч жат балам, сага эчтеке болгон жок, балдар үйдө айланайын, - деди Анаржан жанына отуруп.

- Айткылачы апа, мени биерге эмнеге алып келдиңер?

- Кой балам ойлонбо, бир-эки күн жатсаң анан алып кетебиз, балдарды кудагый карап жатат.

- Апам келди беле?

- Ооба, силерге учурашканы келген тура, - Ошол кезде сестра кирип укол салып кайра чыгып кетти, келининин ал абалын көрүп зээни кейиген кайната-кайнене ал жерден капалуу чыгышты.

- Курган балам ай, тагдырың менен талаада кал, баламдын күнү эмне болот чал, үч баласы менен эле жакшынакай жашап калбады беле, - Анаржан эмшиңдей көз жашын сүртүп үйгө келишкенде Маанай кичинекей небересин соорото албай эси эки болуп жаткан эле. Сексендерге келип калган карынын алты-жети айлык болпойгон наристени көтөрө турган акыбалы жок эле.

- Алда-а кудагайым ай, жаман чүрпө кыйнадыбы? - деп Анаржан ала койду.

- Кыйнаса кыйнасын, кызым аман болсо болду, - деп Маанай үшкүрүп ийди, төрүмдөн көрүм жакын болуп турган кезде жалгызымдын жамандыгын көрбөй ошонун алдында кетээр күнүм кана кудагый.

- Кабатыр болбо кудагый, Жайна жакшы болуп калыптыр, чоочуй түшкөн го, курган бала тигинтип кыйкырып жатса жүрөгү түшүп калган тура.

- Капырай, Асылбекти ушундайга барат деп ким ойлоптур, каргашаны кара.

- Ошону айтпайсыңбы кудагый, өзүм төрөп багып өстүргөн баламдын ким экенин билбей калбадымбы?

- Ар бир пенде жараткандын буйругунан чыга алабы? - Бегаалы эки кемпирге карады, - Ошол келиндин ажалы биздин баладан, анын маңдайына шор болгон, - деп каңырыгы түтөй күңгүрөндү, - Шайтанга алдырган да курган бала.

- Мен Жайнага барсам окшойт, - деп Маанай куда-кудагыйын карады.

- Кудагый, эртең кудаң алып барсын, мен балдарды карайын, сен азыр жалгыз бара албайсың го?

- Карылыгың кургур ай, ырас эле таба албайм, - Кейип алып отуруп калды Маанай. Жайна укол алгандан кийин уктап калды, ал уктап жатып түш көрүп жатты, түшүндө өздөрүнүн ажатканасы жактан ак көйнөкчөн аял чыгып Асылды кубалап жүрүптүр: "Мен сени өзүм жазалайм", - деген үн жаңыргандай болду, чоочуп ойгонуп кетип болгон окуяны эстегенге аракет кылып, ыйлап кирди: "Акмак десе, Асыл сен ушундай экенсиң го, Гүлсүнгө мен жокто асылса керек, ал болбой койгондо өлтүргөн экен, бети жок жинди, бир көрсөм же ошондо билсем эмне, өзүм кармап бермекмин", - деп үнсүз гана көз жашын төгүп жатты. Бир жума дегенде үйүнө келди, түлөө өткөрүшүп, куран окутушту. Анан ал үйгө калтырбай айылга алып кетмек болгондо Жайна болбой койду. Ажаткана жакка баскандан коркот, Анаржандан Гүлсүндүн ата-энесинин дарегин алды да өзү бармак болуп жөнөдү. Дыйканбай жакында эле уккан небересин алып келгенге даярдык көрүп, аты-жөнүн билбей жатышкан. Жайна келгенде Нуржамал сыртта болчу.

- Саламатсызбы эне? - деди тарткынчыктай Жайна.

- Кел айланайын, сен кимсиң?

- Гүлсүндүн апасы болосузбу?

- Ооба, кургурум куурап калыптыр го, кантейин кызым, кара көзүм кашайбадыбы?! - деп Жайнаны көрүп буркурап-боздоп киргенде ал дагы токтоно албай кучактап алып ыйлап жатты. Саалдан соң экөө ээрчише ичкери киришти, Жайна болгонун болгондой айтып берди, ыйлап дагы отурду, Дыйканбай унчукпай отура берди.

- Кагылайыным ай, баласы менен эле келе бербейт беле кокуй, өлөөрүнө көздөнгөн экен да, болбосо кандай ата-энесине ишенбейт, эмнеге бизден качты экен каралдым ай-ай! - деп Нуржамал буркурап үнүн баспай ыйлай бергенде:

- Болду, курандан башка айла жок, убалы ошону уктатпасын, эми бизге үмүт берген неберебизди тапсак болду, жетимканага кор кылбай алып келели, - деди Дыйканбай кемпирин тыя.

- Кубанчикти мен алып келем, өзүм алып баргамын, - деп жиберди Жайна, - Гүлсүн экөөбүз ынак дос элек, баланы өзүм эле бага берейин десем болбой койбодубу, көрсө өзүнөн-өзү коркуп жүргөн экен да.

- Кан кое бербейт деген кеп бар кызым, тынчын алат, көзүнө көрүнөт, же алып кетет, же жинди кылып тынат акыры, каргадай болгон жалгыз карааныбызды алып эле тынч өмүр сүрөм деп ойлогон го? - деди Нуржамал.

- Билбей калдым да эне, эгер билгенде эбак өзүм кармап берип коймокмун.

- Ээ кызым, үмүтүбүздү үзгөн неме оңбосун да, оңбосун кызым, сенин дагы балдарың бар экен, күйөөңдү каргаганга капаланба, азыр биздин ичибиз от жалын болуп күйүп турган кез, ушул он беш күн бир да, жашаган жетимиш беш жылыбыз бир тең болуп кетти, дагы сенин кайненең Кубанычты айтканда өлгөнүбүз тирилип, өчкөн отубуз тамгандай болуп өзүбүздү сооротуп калдык, - Нуржамал Жайнага карады, - Сен алып барсаң өзүң алып бересиң да кызым?

- Ооба эне, мен дагы жалгыз кызмын, алмадай бышкан сексенден ашкан апам бар, көп төрөп балдары токтобой мен эле калыптырмын, күйөөмдү эми эстебейм дагы, балдарыма ошол атаны кантип атаң деп айтам, мен үчүн ал өлгөн адам, - деп Жайна ыйлап отурду, - Кубанчикти өзүм эле алып келип берем, сиздер мени күтүңүздөр, мен эми барайын, апам карыган киши, жаш бала менен кыйналды го, эми эртең жетем, - деп ордунан турду.

- Кеч болуп калды кызым, биерден эртең чыгат.

- Апам кыйналып калат го?

- Кудай жар болсун, бүгүнчө чыдаар.

- Кызым деле чоңоюп калды дечи, онго чыгат, Кубанчик Алмагүлдөн азыраак кичүү, - деп улутуна отуруп калды Жайна аргасы кете. Ал күнү жатып алып Нуржамал менен сүйлөшүп жатты.

- Эне, кейибеңиз эми, мен өзүмдү өмүр бою күнөөлүүдөй сезем го, кетем дегенде тим койсом болмок экен, аны мен кыйналбасын дебедимби, бир жолу кетип калып дагы коркуп келген, ата-энеңе бар десем болбой койбодубу.

- Шордуу кызым, кызалагым ай, өлөөрүнө көрүнгөн экен да, алты жыл жерде жатса дагы күнү бүгүнкүдөй экен, күлүмсүрөп эле жатат, адегенде өлгөнүнө ишенбедим, - - Нуржамал муңканып отурду.

- Кайрат кылыңыз эми, арга жок экен, мен күйөөм айтканын укканда өзүмдү жоготуп койдум, аны ошого барат деп оюма да келбептир, - Жайна Нуржамалды жубатып жатып уктап калды. Эртеси эрте чыкты, түш оой үйүнө келсе Алмагүлү тыкылдап таенесине жардам берип эки инисин багып отуруптур.

- Садагаң кетейин, барып келдиңби? - Маанай кызына жалынып-жалбарып калды.

- Бардым апа, ата-энеге баланын жамандыгын көрсөтпөсүн, алардын көз жашынан муунуп кала жаздадым, дагы баласын угуп дем байлап калышты апа.

- Каран гүн ай, эне-баланы айрыбасынчы, бечаралар карыган кезде кайгыга батып калышты го, Асылың кургур, мыкаачы тура, чырактай келинди заңга чылап көмгөнүн кара ботом, - Маанай күйөө баласына нааразы болуп жатты, - Билинбей калат деген го, балдарын ойлободубу каран калгыр...

- Апа, мен арыз бергенден баштап эле псих боло баштаган, көрсө коркуп жүргөн тура, Кубанчикти көрсө эле кыжынганынан жетимканага жеткирбедимби, ырас кылган экенмин, аны да өлтүрүп койсо кантет элем? - деп өз оюнан өзү коркуп кетти Жайна. Ошентип өз тирилигине киришти, апасынын үйүндө эле, ал үйгө баргандан коркуп калды. Маанайдын үйү ошол эле шаардын четиндеги айылдын биринде эле. Арадан бир жума өткөндө Жайна балдар үйүнөн Кубанычты алып Дыйканбайдын айылын көздөй жөнөдү, ошол кезде өзү дагы бир нерседен эле чоочуп өзүнө келе албай жүргөн. Алар келгенде Дыйканбай менен Нуржамал ондорго чыгып калган сүйкүмдүү баланы көрүп адегенде делдээ экөө эки жерде селдээ туруп калды, көздөрүндө жаш, бир топтон кийин канатын жайган ылаачынга окшоп Нуржамал далбастай жүгүрдү:

- Каралдымдан калганым, өчкөнүмдү тамызып, өлгөнүмдү тирилткен садагам, келе гой менин каралдым! - деп жетип эле кучактап жатып калды.

- Кубанчик, булар сенин таята-таенең болот, - деп Жайна дагы көз жашын аарчый мостоюп турган балага айтты.

- Каралдым, каргадайым айланайын, - Нуржамал баланы өпкүлөп жатты, көптөн кийин гана Дыйканбай:

- Кемпир, болду эми неберем менен мен да көрүшөйүн, - деди жакын келип. Баланы кое берип чалына карады, - Карачы, каралдымдын бизге бир белек таштап кеткенин, - деди ый аралаш күлүп, - Бул болбосо кантет элек?

- Айланайын десе, келе гой садага, аман-эсен сени көрөөр күн бар экен го? - деп бүткөн бою бүлкүлдөй, сакалы ылдый жашы куюлуп Кубанычты кучактап өөп көпкө турду. Анан ээрчише ичкери кирип баратканда:

- Мен кетейин, сиздер жакшылап таанышып, бири-бириңиздер менен көнүшө бериңиздер, - деди Жайна.

- Капырай, кетем дегениң кантип болсун, кубанычыбызга Кубанычымды кошуп, биздин кайгыбызды бөлүшүп турган сени коноктобой кантип кое берели, отур кызым, - деп Нуржамал айтканда Жайна унчукпай калды.

- Отур айланайын, отуруп конок болуп кет, элди чакырып түлөө өткөрүп, неберемди элге тааныштырабыз, - деди Дыйканбай дагы, кемпир-чалдын сөзүн кыя албай отуруп калды, өзү да куру келген эмес, балдар үйүнөн Кубанычты алып чыгып бир сыйра кийинтип, белек-бечкек менен куран окутканга таттуу тарапаны кошуп кемпир-чалга бир сыйрадан кийим-кече алып келген. Чогуу отуруп куран окуп, андан кийин Нуржамал жасамак болгон тамакты Жайна өзү жасай койду. Тамак ичилип бүткөн соң Кубанычка Гүлсүндүн жаш кезинен берки сүрөттөрүн, студент болгондогусун көрсөтүп жатышты.

- Апам эмне болуп өлдү эле? - деди ошондо Кубаныч, эч кимиси үн дей албай калышты, Жайна жер карап отуруп калды, көптөн кийин Дыйканбай башынан сылап, чекесинен өөп:

- Уулум, апаңды кимдер өлтүргөнүн билбей калдык, арга жок сенин бар экениңди билген соң бел байлап таенең экөөбүз өлбөй калдык, болбосо күйүттөн өлмөкпүз, - деди.

- Апамды өлтүргөн адамды көрсөм мен өзүм өлтүрөм! - деди бала муштумун түйө.

- Кой балам, сен баласың азыр, өлтүрөм деген жаман сөздү оозуңа албай жүр, сени апаң үчүн биз адам кылып өстүрөбүз, сен адам болушуң керек, - деди Нуржамал.

- Сенин атаңды мен көргөмүн, анткени ал оорукчан экенин жашырып жүргөн экен, жүрөгүнөн операция жасамак болгондо ага жетпей өлгөн, - деди Жайна, - Ал тирүү болгондо Гүлсүн өлөт беле, өлбөйт беле ким билет?

- Каралдым десең, - Нуржамал муңкана көз жашын сыгып алды, - Кантейин, жакасы бөлөктүн жаны бөлөк деген ырас экен, жалгызымдын артынан кете албадым...

- Кайгырбаңыз... - Жайна башка сөз айта албады.

- Болду кемпир, мына бу жаманга топук кылалы, Кубанычым аман-эсен чоңойсо, ушул үй менен баарын ээлеп калса Гүкүмдүн өлбөгөнү ошол, ошондон калган белегибизди татыктуу адам кылып өстүрсөк арбагы ыраазы болот, - деп Дыйканбай кемпирине каңырыгы түтөй карады. Көптөн кийин гана эс алууга жатышты. Эртеси коңшу-колоңу менен туугандарын чакырып түлөө өткөрүп Кубанычты тааныштырышты. Бул кезде Гүлсүндүн элүү күндүгү да боло элек эле, Жайна эки жатып анан кетти, үйүнө келген соң бир оор жүктөн арылгандай эс ала түштү.

Асыл оорукчан болуп калды, көбүнчө таңылуу турат, өзү-өзү менен сүйлөшүп эле бакырып, кыйкырып сөгүнө берет, Бегаалы менен Анаржан келип көрүп кайра сай-сөөгү сыздап карап турушкан.

- Ооба, мен өлтүргөмүн, эмне камайсыңарбы мени, кел келе бер азыр көрсөтөмүн, хи-хи-хи мен өлтүргөнмүн! - деп жулунуп жатканда врач - сестралар келип укол салып тынчтандырышты. Бегаалы врачка кирди:

- Уулум, эми бул оорудан сакаябы деги? - деди.

- Айта албайм, жин-шайтандар тегеректеп алган го, келгенден бери бир дагы өзгөрүү жок.

- Эмне кылсак, үйгө алып кетип молдого дем салдырсакпы?

- Өтө коркунучтуу, бирөө жарымга зыян кылып коюшу мүмкүн, жибере албайбыз.

- Өмүр бою ушинтип кала береби?

- Аракет кылып жатабыз, өзү жасаган иш катуу таасир берип нервти өлтүргөн, өзүнчө кыжаалат болуп көп ойлогондуктан мээ туруштук бере алган эмес, - деп врач колдорун жая үмүт жок дегендей карады.

- Аттиң ай пенденин жасаган ишин айбан дагы кыла албаган кез келди го, не деген гана мезгилде жашап жатабыз, уулумду ушуга барат деп оюбузга келбептир, - Бегаалы сакал муруту дирилдей, үнү каргылдана кабинеттен чыгып жөнөдү. Жайна болсо аны уккусу да келбейт, кайнатасы менен кайненеси неберелерин көрүп келип турушат, бүгүн дагы келишти. Жайна аларды жаркылдай тосуп алып дасторкон жайып чай куйду.

- Асылга барып келе жатабыз, - деп Анаржан сөз баштаганда эле Жайна:

- Апа, ал жөнүндө уккум келбейт, балдарга андай атанын атын да угузбагыла, - деди шыр эле.

- Ботом, - деп кайра сүйлөгөнү калганда Бегаалы кемпирин нукуп койду. Жайна мелтирей көпкө отуруп анан көз жашын сүртүп:

- Билем апа, ал сиздердин балаңыздар, ичиңер ачышып, жүрөгүңөр ооруп турат, бирок мен ошол күндү эстесем эмдигиче эстен тангыдай болуп кетем, кокус эшикти бекитип албасам эл угуп милицияга чалбаса ушул үч балам менен мени да соо коймок эмес экен, - Муңканып алды, - Ошол ишке аны ким түрттү, өзүн-өзү түрттү, - деп солуктап жатты.

- Туура балам, өзүнө-өзү кылды, өз убалы өзүнө, сен бекем бол, балдарга биз каралашабыз, кудагыйды бел кылып оокатыңды кыла бер айланайын, - деди Бегаалы.

- Курган балам, отуз бешинде же өлүк эмес, же тирүү эмес куурабадыбы?.. - деп Анаржан ыйлап басылды. Жайна унчукпай мелтиреп отуруп аларды узатты, үйдөн чыккандан кийин Анаржан чалына:

- Мисирейген желмогуз десе, ушул үйгө алып келбесе бул иш болмок эмес, - деди булкулдай.

- Болду, мындай сөзүңдү экинчи укпайын, анда эмне күнөө, бир бечарага жакшылык кылгысы келди, адамга колдон келсе жакшылык кылуу жоомарттык, келин сенин балаңдын аны өлтүрүп коеорун кайдан билди? - Бегаалы кемпирин урушуп койду. Ошентип Асыл төрт тарабы тор менен тосулган, колу-буту таңылган бойдон бир айдан ашык жатты, врачтар аны карап жатып акырындык менен оңоло баштаганда аны үйүнө алып келип молдого дем салдырып жатышты. Үй-бүлөөсүн сураган да жок, эч ким менен сүйлөшпөй, өзү менен өзү болуп жүргөндө ал бир күнү түндөсү уктап жатып бакырып турду:

- Жо-ок! - деп кыйкырып ийгенде баары ойгонуп кетти, - Жо-ок сен өлгөнсүң, мен сени өлтүргөмүн, мага жолобо! - деп ич кийимчен качып жөнөгөндө агасы аны кармай турган болгондо түртүп ийди да сыртка эшикке чыга берип тепкичтен жыгылып кеткенде кармап калышты. Колу-бутун байлап үйгө алып киришип шалдая отуруп Асылды карап үнсүз жалдырап турушканда чарчагандай унчукпай калды.

- Асыл, эс алдыңбы балам? - деди Анаржан жанына келип, - Өзүңө келдиңби айланайын?

- Апа, мени уу берип эле өлтүрүп койгулачы, - деди Асыл бир топтон кийин, мен бул жашоодо кыйноо менен жашаганча тынч өлүп калайынчы.

- Кой садага, сени сакайтып алабыз, келме айтып жүрчү балам.

- Мен өзүмдү да, силерди да кыйнайм го?

- Кыйналбайбыз, өтүп кетет балам, өзүңө ишенимдүү болсоң сакайып кетесиң, - деп эне бечара уулун кучактап, чачынан сылап, жүзүнөн сүйдү, - Жаман сөздү айтпай жүр кагылайын, - деп артын карап чечип койгула дегендей белги берди эле болбой баш чайкап коюшту, ошол бойдон төшөккө жаткырып Анаржан жанында отуруп карап алып ыйлап жатты: "Кантип ошого бардың экен каралдым ай, бей күнөө, турмуштун оор капшабына кабылып азапта жүргөн келин бечараны өлтүргөнүң үчүн жазаң го балам ай, кудай боор ооруп, күнөөңдү кечирип өзүмө кайрып берсе экен, сени кантип жамандыкка кыям кагылайын, эне жүрөгү өз баласын кандай болсо да жамандыкка кыя албайт го", - деп көзүн албай карап отурганда:

- Апа, мени Жайна кечирбейт го? - деди.

- Кечирет уулум, убакыт өтсүн, жөжөлөрүң турат, бечара келин кайда барат эле кечирбей.

- Жок апа, ал мени кечирбейт, эгерде Жайна кечирсе мен сенин тынчыңды албайм дебедиби.

- Ким?! - Анаржан чоочуй карады.

- Гүлсүн, Гүлсүн менин эле айланамда жүрөт.

- Кой садага, ал сенин коркуп калганың эле, адам корккондо көзүнө ар нерселер көрүнүп, кулагына угула берет, сени жакшы молдо алып келип дем салдыралы, - деп эне ойлуу уулун кучактап таптады, - Мен жаныңдамын, эчтекеден коркпо уулум.

- Апа, мени кичинейимде дагы ушинтип уктатчусуң ээ?

- Ооба садагаң кетейин, сен өтө чыр болчусуң, ысык өтөт деп түшкүсүн укта дегенимде болбой качып кетчү эмес белең?

- А сиз мени кармап алып жаткырып, суу чыбык менен оорубагандай кылып чаап-чаап коркутуп, мен ыйлап жиберсем кайра кучактап өөп анан уктатчусуң.

- Эсиңден айланайын десе, унуткан эмес экенсиң, эми уктай гой садага.

- Апа, менин балдарым менен Жайна кечиреби?

- Кечирет балам кечирет.

- Коркуп жатам апа...

- Садагаң кетейин, коркпо мен жаныңдамын.

- Апа, - деп онтоп, эки жакты элеңдеп карап башын көтөрдү, - Апа, мени алып кетем деп жатат.

- Ок, антип айтпачы каралдым, - Анаржан Асылды бооруна кысып кучактап көз жашын төгүп колунан келсе ушу баласын бардык балээден куткарып алгысы келип турду, - Антпе балам, мен сени ушуга төрөдүм беле, адам болуп ата-эненин эмгегин актап, эл керегине жарасын дебедим беле?

- Кечир апа, мен атам экөөңөрдүн эмгегиңерди актай албай калдым, кечиргиле апа, - деп Асыл колдорун апасына арта куду бала кезиндегидей көкүрөгүнө башын катып, көзүн жумуп жатып калды. Эне анын жүзүнөн сүйдү, жүрөгү болк этип жаагынан сылады, жыпжылуу жумшак бет орою бопбоз болуп көзүнө алда башкачадай көрүндү. Жүрөгү зырп этип, жан тамыры сыздай түштү: "Уктады окшойт, эс аласынчы", - деп карап турду, колун бая чечип койгон өзү. Колун сылап, чачтарын сылап көпкө отурду, дем алып жатат, көшүлүп уйкуга кирди. Анаржан уулунун үстүн жап коюп анан күйөөсүнө келди.

- Уктадыбы? - деди Бегаалы.

- Ооба, эс алсынчы.

- Кандай кылсак, чоң молдого окутсак бекен?

- Ошентели, бир башкача болуп мени менен аябай сүйлөштү, аялын, балдарын сурап кичереби дейт, акыл-эси даана эле, бирок кылган ишине өкүнүп өзүн-өзү күнөөлөп жаман болуп жүрөт го? - деп Анаржан үшкүрүп алды.

- Адам учурунда жаман иш жасап жатканын сезбейт да башына иш түшкөндө гана өкүнүп калат, баарын билип туруп жасашат, - Бегаалы да оор дем алып туруп отурду, ата-энеде кайдагы уйку.

- Чал, өзүң бир карап келчи, өңү таптакыр башкача көрүндү, кайра-кайра кечирим сурайт, - Анаржан жүрөгү бир жамандыкты сезгендей чалына карады, - Карап келчи чал.

- Мейли, көрүп келейинчи, - Бегаалы туруп Асыл жаткан бөлмөгө баш бакты, кыймылсыз жатканын көрүп жанына келип эңиле карап өңүн көрүп жүрөгү шуу дей түштү: "Өлүм жышаанасы, кудай сактай көр", - деп чекесине колун тийгизип көрсө эти от менен жалын болуп күйүп туруптур. Өзү кыймылсыз, бир аз гана дем алганы сезилип турат. Отура калып үстүндөгү жабуусун ачып ийип колу-бутун кармаласа таштай муздак, - Кемпир! - деп алганын өзү да туйбады, анын үнүн угуп Анаржан жетип келди.

- Эмне болду?

- Кел бери, муну карачы, денеси күйүп, буту-колу таштай муздап турат, Калыбекти айт, доктур чакырсын.

- Макул-макул, - Анаржан шашкалактай башка бөлмөдө жаткан баласына кире албай эшигин такылдатты, - Калыбек, ыя Калыбек, тур балам!

- Эмне болду апа? - Уйкулуу көзүн ушалап, оозун ачып эстей апасын суроолуу карады.

- Асылдын акыбалы оор балам, сен машина менен доктур алып келе кал, бол айланайын тезирээк.

- Макул, - Калыбек шашыла сыртты көздөй жөнөдү, Анаржан кайра баласынын жанына кирсе Асыл алдастап жаткан экен:

- Кет, кет мен сени менен кетпейм, сен өлгөнсүң!

- Асыл, уулум тынчтанчы, - Анаржан Асылды карысынан кармап силкилдетти, - Көзүңдү аччы уулум.

- Кет, кет дейм, - деп алып өзүн карап турган ата-энесин көрүп, - Ата, апа булар мени алып кетем деп жатпайбы, ана тигил жерде турат! - деп жулкунуп турмак болгондо Бегаалы менен Анаржан бекем кармап тургузбай кармап турду.

- Эч ким жок, кана биз көргөн жокпуз балам, өзүңө келчи, каралдым ай, өзүңдү кармачы балам, - Анаржан ыйлап ийди. Асыл көздөрүн чакчайта ата-энесин карап кара терге түшүп:

- Мейли, мени таштабасаң кой, мына кеттим, токто баратам! - деп кыйкырып жатып сулк жыгылып калды. Аңгыча доктурду ээрчитип Калыбек кирди, врач оорулуунун тамырын кармап көрүп:

- Ооруканага алып баруу керек, - деди.

- Мейли, алып жөнөйлүбү ата? - деди Калыбек. Бирок ошол убакта Асыл буту-колун тыбырата, колдорун көтөрүп бир нерседен коргонгондой болуп барып сулк жатып калды. Врач анын көзүн ачып көрүп:

- Кеч болуп калыптыр кечиресиздер, айла жок, - деди күнөөлүүдөй жер карап, - Кеч болуп калды...

- Кагылайын Асыл! Асылбегим менин! - деп Анаржан баласынын үстүнө жыгылып бети башын сылагылап, жүзүнөн өөп жатты, Бегаалы менен Калыбек унчукпай ыйлап турушту. Ошол убакта Бегаалы сыртка чыгып эки жакты карап терең дем алып алды, да ички бугун, арманын чыгара өкүрүп кирди, анын жанында Калыбек дагы өкүрүп жатты. Айланага таңкы шоокум аралап, таң жаңы гана агарып тирүүлүктүн жышааны башталып, короз кыйкырып, малдын бышкырыгы элдин үндөрү угулуп жан-жаныбардын баары кыймылдай баштаган эле...

- Эсил кайран уулум оой, эми кайда-ан көрөйүн!

- Эсил кайран, бир боорум, эми кайдан табайын! - Ата-бала таңкы тынчтыкта аба жара заңгырай өкүрүп жатканда ар жак, бер жактан элдер чогулуп калды. Өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей арыдан бери боз үйдү тигип өлүктү өз жайына жаткызган соң Анаржан келинине машина жөнөттү, кетээринде ага:

- Келбейм дебесин, балдар атасынын ким экенин билбеген бойдон калсын, атасынын өлгөнүн көрүп эстеп жүрө турган болсун, сөзсүз келсин, - деди кабарчыга шыбырай.

- Жарайт эне, сөзсүз айтам.

- Ошент балам, аялы башында ыйлап, балдары акыркы жолу бир көрүп калсын, - деди да үйгө кирди. Асылдын бир агасы, эки карындашы бар эле, алар дагы агасын акыркы сапарга ызылдап ыйлап, боздоп-сыздап узатууда. Жайнага кабар келгенде унчукпай селдээ туруп калды, көз ирмемдин ичинде ал Асылбек менен таанышкан кезин, сүйүүсүн арнаган күндү, үйлөнгөндөгү бактылуу учурду элестетип:

- Асы-ыл! - деп бир кыйкырып алды да эстен танып калды, карыган эне кызынын башын жөлөп:

- Каргам, кагылайын каралдым ай, кантсе дагы кудай кошкон өмүрлүк жарың эмеспи, кантейин каралдым, - деп эсине келгенче кучактап турду. Көзүн ачкан Жайна:

- Апа, Асылдан айрылдымбы? - деп ыйлап ийди.

- Кантебиз кызым, кудаанын буйругу, эми камын да жөнөйлү, барбасаң болбойт, балдарды алып баралы, - деп эне кайраттуу турду. Ошентип Жайна өмүрлүк жарынын акыркы сапарында өзү кошо болду, ыйлап-сыктап, ботодой боздоп боз үйдө кошок кошту, анын жүрөгүндө өзү каалап-сүйүп тийген, ак көңүл гана Асылбеги калды, өлүм деген ушул экен, кечээки эле жек көрүүсү жоголуп ичи өрттөнүп, кайгыга батып турду. Мунусун сезген Анаржан келинине ыраазы болуп, аяп да, боору ооруп да жатты. Асылдын: "Апа, мени Жайна кечиреби, эгерде Жайна кечирсе мен дагы кечирем деди", - деген сөзү кулагына жаңырып сыздап отурду. Кыркына чейин отурду да кайра кетти, Алмагүлү окуусуна бармак, ал үчүнчү класска окуп, Акмат биринчи класста окуп жаткан. Тагдырдын бул соккусу ага бир топ эле сабак болгонсуду, апасы ага арка жөлөк болуп кайгысын унуттуруп баратты. Убакыт билинбей өтүп арадан беш-алты жыл зымырай өткөн кезде сексен тогуз жашында апасы Маанай эне дагы дүйнө салды. Ыйлап-сыктап аны жерге берген соң гана өз кесиби боюнча ишке орношту. Алмагүл сеңселип бойго жетип, Акматы он төрткө, Адылы онго чыгып калган. Өзү менен иштеген Сабыр деген хирург Жайнага сөз салып жүргөн, кээде экөө бирге ресторанга барышат, кээде эс алып тоого чыгып келишет. Бир күнү Сабыр:

- Жайна, бүгүн мен сага бир сөз айтсам кандай жооп берээр элең? - деди колунан кармап.

- Адегенде угайын, анан ойлонуп көрөм, - Жайна күлө жооп кайтарды.

- Каршы болбосоң баш кошуп алалы.

- Ох-хо, ойго келбеген сунуш.

- Эмнеге, менин дагы үй-бүлөөм жок, сенин дагы, экөөбүз тең бойдокпуз, өзүбүз үчүн да жашоого болоор дейм?

- Оор, жооп берүү кыйын, менин мойнумда үч баланын милдети турат, аларды өз-өз тууруна кондурмайын мындай сунуштун түшүшүн каалабайм, - Жайна жер карап улутунуп алды, - Ооба, анда кеч болуп калаарын да билем, бирок мындан башка жооп берүүгө кудуретим жетпейт.

- Балдарды экөөлөп тарбиялайбыз, менде али бала жок, сенин балдарың менин дагы балдарым болот, - деп Сабыр Жайнаны кучактай жүзүнөн сүйдү, - Мен сени жан дилим менен сүйдүм Жайнаш, макул деп койчу.

- Сабыр, кечир мени, мен азыр турмушка чыгууга даяр эмесмин, кызым бойго жетип калды, окутуш керек, анан күйөөгө берем, андан кийин эки уулум...

- Алардан кам санаба, мен моюнума алам, сен өзүңдү мага арначы жаным, сен менин кышка айланган өмүрүмдү жазга айлантчы, бир ооз эле макул деп койчу?

- Билбейм Сабыр, сен мени жарга такаба, ойлоноюн, убакыт бер, - деди да Жайна андан узай берди.

- Жайнаш! - Сабыр умтула берип токтой калды, - Жайнаш токточу!

- Сабыр, эртең жолугабыз, менин азыр жалгыз болгум келип турат, - деди эле Сабыр ойлуу саамга аны артынан карап туруп анан артына кайрылды. Жайна ушул ирээт Асылды эстеди, анын акыркы көрүнүшү көз алдына келип селт этип алды: "Ооба, мен өлтүргөмүн Гүлсүндү, жүрү көрсөтөйүн", - деп колуна күрөктү алып алып жерди казып жатканы, сүйлөп кыйкырып жатканы көзүнө көрүнүп, үнү кулагына жаңырып отура калды: "Асыл, мен сага кандай гана ишенчү элем, сүйүүбүз түбөлүк деген сөзүң менин ишеничимди бекемдеп сени жанымдай сүйүп жашадым эле, сен мени алмаштыргың келип Гүлсүнгө кол салсаң керек, ал байкуш мага кара санагысы келбей сени менен алышса керек ээ, аттиң мен Гүлсүндүн сөзүнө макул болуп сени өз жайыңа койгондо мындай болбойт беле?", - деп ойлордон башы ооруп үйүнө келди.

- Апа, келдиңби? - Алмагүл апасын жапакечтене тосуп алып эки бетинен өөп, - Менин алтын апакем, үйгө ким келгенин билесизби? - деди жылмая.

- Билбейм кызым, ким экен ал конок?

- Айтпайм.

- Ма-акул, балдар кайда?

- Ойноп жүрүшөт.

- Мен үй кийимимди кийинип чыгайын, - деп төркү бөлмөгө кирип кетти. Анаржан келип неберелерине эт-аш алып келип конок бөлмөдө отурган эле. Санаадан жапа чеккен келин үй кийимин кийинип анан күзгүдө көпкө өзүн тиктеп турду, өзүн балкайган ак жуумал, көздөрү бакыракай, чачы желкесине түйүлгөн сүйкүмдүү аял суз капа карап турду: "Картайып баратам, кырк эки жаш оңой эмес тура, бир чечимге келүүм керек", - деп ойлонуп алды да конок бөлмөгө көздөп басты.

- Чоң апа, качан кетесиз кайра? - деген Алмагүлдүн үнүн угуп токтой калды.

- Эки-үч күн турам садага, силерди сагындым, ооруган жеримди Жайнага көрсөтүп, дары жаздырып алайын деп келгенмин.

- Апам эң жакшы врач чоң апа, өзүнүн ден-соолугунан дагы элдикин жогору коет, ичкен ашын таштап жөнөйт.

- Жайнаш өзү боорукер да садага, мээримдүү келин апаңарды сыйлагыла садагаң кетейин.

- Апамды сыйлабай анан, дүйнөдөгү эң жакыным, эң кымбатым апам да чоң апа, атам го өлүп калды, эми апамдан башка кимди сыйламак элек? - Алмагүл чоң энесин кучактай эркелей, - Сиз таарынбаңыз, сизди дагы аябай жакшы көрөм! - деп өөп алды.

- Оо-оо, небереси кимди эркелетип жатат ыя? - деп Жайна кирди, - Келиңиз апа.

- Келдим кагылайын, аман-эсен жатасыңарбы?

- Шүгүр апа, баары жакшы, атам кандай жүрөт, сиз кыйналбай эле келип алдыңызбы?

- Жакшы келдим айланайын, балдарды көрөйүн деп эле келдим, атаң экөөбүз тең картайдык, мындан ары келе алабызбы же жокпу билбейм, балдарга деген бир энчи бар, ошону айтайын, эптеп алып келип корооңо киргизип алсаң болот эле.

- Тура берсин, алабыз да.

- Көзүбүздүн барында алып ал балам, болбосо ким билет, заманга жараша пенденин кулк мүнөзү өзгөрүп турганда эки бир тууган бири-бирин көрө албай, ата балага боорун бербей, эне баласын таштап жаткан учурда кимге ишенесиң айланайын? - деди Анаржан, - Тиги үйдү да сатып ий ага дагы бир топ каражат кеткен, Асылымдын эмгеги бар.

- Атамдын эмгеги кеткен үйдү эмнеге сатабыз, мен өзүм жашайм! - деди жаңы эле сырттан кирген Акмат.

- Кой! - деп чоочуп кетти Жайна, - Ал үйгө барууга болбойт, көзүмдүн тирүүсүндө ал үйгө эч кимиң барбайсың!

- Апа, эмнеге андан коркосуз? - деп Алмагүл Жайнаны таң кала карап калды, - Ал үй ошончолук эле коркунучтуубу?

- Жок кызым, анча маанилүү эмес, көңүл бурбагыла, - деп Жайна тура калды, - Кызым тамак даярдап жатасыңбы?

- Ооба апа, бышып калды.

- Садага болоюн десе, чоң апаңды ачка кылып койбо, - Жылмая бөлмөдөн чыгып кетти. Жайна ал үйдү эстесе эле кыйкырып-өкүрүп жер казып жаткан Асыл көзүнө элестей берчү, азыр дагы жүрөгү дүкүлдөп өзүнчө жаман болуп чыкты: "Ошол үйдөн үч баланы төрөп, Асыл экөөбүздүн жакшы күндөрүбүз өткөн эмеспи, бир барып көрүшүм керек экен, буюмдар эмне болду, эртең бир карап, көрүп келейин", - деп ойлонуп алды. Анаржанды коноктоп сыйлап, өзү ден-соолугун текшерип, керектүү укол-дарыларын алып берип анан узатып койду Жайна. Күн сайын Сабыр андан жообун сурай берип тажатып жиберди, акыры ал экөө жолугушуп машинага отурушканда:

- Бир жерге барып келеличи, - деди Жайна.

- Сен азыр Меккеге десең да макулмун, - Сабыр күлө култуңдай карады, - Кана буйругуңду күтөм.

- Айдай бер, Свердловский районго, Кашка-Суу көчөсүнө барабыз.

- Жарайт, - Сабыр волгасын жылдырып зымырата айдап жөнөдү, - Кана каягына?

- Оңго, үчүнчү там.

- Оо-а, жеткен экенбиз да?

- Алыс деп корктуңбу?

- Жо-жок, жөн эле, - дегиче:

- Токто жеттик, - деди Жайна, машина токтогон соң эшигин ачып алып тосуп бараткан үйдү көрүп зээни кейип көзүнө жаш толо түштү, ордунан козголбой көпкө карап турду да акырын түшүп дарбазасына келди, акырын түртсө кы-ыйч этип какжырай түшкөн темир ачылып кетти, ошол кыяматтуу күндөн кийин бул үйгө эч ким келген да эмес эле. Кирип келе жатып эле ажаткана жакка көз жиберди, баары баягыдай: "Гүлсүн, мени кечир, сактай албадым, сени өз бир тууган сиңдим же эжемдей көрчү элем, баары башкача бүттү, ойго келбеген окуя", - деп ойлонуп үйүн ачып кирсе босогосунан баштап эле желе басып калыптыр, эски шыпыргыны ала коюп желени алып ичкери кирсе баары ордунда, болгону чаңдап кетиптир. Диван креслолору, керебеттеги жүктөрү, жаткан төшөктөрү бүт ошол бойдон экен: "Эмнеге буларды алып кетпедим экен", - деп ичинен кейип алды, артына кайрылып караса Сабыр үнсүз бөлмөлөрдү кыдырып жүрүптүр.

- Бул үй кимдики эле? - Сабыр суроолуу карады.

- Биздики, - деди Жайна.

- Эмнеге кароосуз таштагансыңар?

- Ошондой себеби бар...

- Кызык экен, совет доорундагы эң мыкты диван креслолор, килемдерди карачы?

- Учурунда адам баласы үчүн дүнүйө ууч топуракка арзыбай калат экен го, мен үчүн ошол кезде дүнүйө бир тең адамдык абийир, арман менен ыза бир тең болуп турган эле...

- Туура, бирок менин оюмча бул сөзүңө караганда башыңдан көп нерсе өткөн шекилдүү?

- Ооба, бүткөн бойду титиреткен, ойго келбеген окуя өткөн, - деп сыртты көздөй басты, - Кеттик.

- Жарайт сулуум, кетсе кеттик, - деп Жайнанын артынан басып сыртка чыкты. Экөө ээрчише ажаткана тарапка басты, аябай казылган чуңкур кургап калыптыр, четинде чирип калган чүпөрөктөр, салафандар жатат.

- Кеттик Сабыр, башка жумушуңдан калтырбадымбы?

- Жо-ок, сенин жаныңда болуудан башка ишим жок.

- Рахмат, - Жайна жылмая эшикти жаап коюп машинага отурду, - Айдай бер.

- Жарайт жаркыным, - Волга ордунан жылды, - Кана, кайда?

- Үйгө, эгерде сага оорлук келбесе.

- Эч качан, өмүр бою сенин кызматыңда болсом кана?

- Буйруктан...

- Туура-а, буйруктан дешет, бирок азыр экөөбүздүн эле колубузда деп ойлойм.

- Жо-ок, бизди жер үстүнө жаратып коюп, кандай күнөө жасаар экен пенделерим, менден бей жооп иш жасасаң жазасын тарттырам, эгерде менин күчтүү экенимди сезе жүрсөң сени бул дүйнөнүн ырахатына бөлөйм, - дейт экен го жараткан...

- Акылдуу аялсың, мынчалык акылды кайдан алдың жаным?

- Сабыр жылмая карады.

- Пенделердин баарында бар, баары ошол акыл менен түз бара албайт, бири байлыкка азгырылса, кээси өзүнүн өмүрүн өзү тозокко салып алганын сезбей калат, анткени ошол акылды башкара билбей калат, ошонусу үчүн көр пендебиз да-а Сабыр, - Жайна оор дем алып ички бугун, ызасы менен туюкта жаткан арманын ошол бир деми аркылуу чыгарып алгансыды.

- Көп ойлоп, көп кыйналдың жаным, бул үйдө сенин кандай сырың, өткөнүн билбейм, бирок сенин жаман абалыңды көрүп өзүм жаман болдум, жүрү бир жерден тамактаналы? - деди Сабыр.

- Макул, менин дагы эс алгым келип турат.

- Анда бул кафеге кирели, - деп Сабыр жол боюндагы чоң кафенин алдындагы унаалар токтоочу жайга волганы токтотту. Экөө катарлаша кафеге кирип орун алган соң буйрутма берип анан ортолорун сөз аралабай отуруп калышканда официантка тамактар менен бирге бир бөтөлкө вино алып келип ортого койду.

- Аш болсун, жакшы отуруңуздар.

- Рахмат, - Сабыр ага жооп кыла Жайнага кайрылды, - Кел сулуум, кардыбыз ачты, аймайлык, - дегенде Жайна күлүп койду.

- Ач карышкырдын кейпиндей дебейсиңби?

- Ооба-ооба, чээнден чыккан аюдай десе да болот, - Экөө тең күлүп калышты. Тамактанган соң үйүнө жеткирип анан кетти Сабыр. Жайна эртеси эки уулу менен кызын ал үйгө жөнөтмөк болуп чайга отурганда:

- Алмаш, сен эртең Акмат менен Адылды жаныңа алып үйдү тазалагыла, мен өзүм жеткирип коем, - деди.

- Апа, ал үйдү сатабызбы?

- Мебелдерди алып келсек, анан көрөбүз.

- Сатпай эле койбойлубу апа.

- Болбойт уулум, өткөндү эске салган эски буюмдан арылуу керек.

- Өзүңүз билиңиз.

- Адегенде үй ичин тазалап мебелдер менен килемдерди кагып койгула, мен машина алып барып жүктөп келебиз, андан кийин балким киши киргизип коербуз...

- Во, туура апа, киши киргизип койсок тура берет, - Акмат кубанып алды, - Кийин мен өзүм жашай берем да.

- Тилегиңден садагам, кудай тилегиңди берсин, жаның аман болсо сага өзүм там сатып берем, аман-эсен болсоңор болду, - деп Жайна балдарына жалынып-жалбарып алды.

- Мен чоңойсомчу, мага дагы үй алып бересизби? - деп Адыл апасын эдиреңдей карады.

- Сенин балакетиңди алайын мен, мына бул үйдө экөөбүз калабыз да, сен аялың экөөңөр мени багасыңар.

- Алмаш эжемчи?

- Албы? - Жайна кызын карап күлмүңдөп койду, - Алмаш эжең күйөөгө чыгып Акмат экөөңөрдү жезделүү, мени күйөө балалуу кылат.

- Ооба сага, күйөөгө тийбейм, - деп Алмагүл тултуң эте таарынып калды.

- Болуптур анда, сага катын алып берем.

- Ики-и, кыздар дагы катын алчу беле? - деп Адыл эжесин эдиреңдей карады.

- Менин кызым алат, - деп эки уулуна көзүн кыса оозун кымтып койду.

Жайна балдары менен бабырашып көпкө отурушту, ал түнү көп ойлонду, өзү чоңойгон үй деле жакшы салынган, беш бөлмөлүү үй. Балдарынын келечеги үчүн тигил үйүн сатпай эле коюну туура көрүп аны жакшылап ремонттоп туруп киши киргизүүнү туура көрдү...

Кубаныч таене-таятасына келгенден баштап өз билгениндей болуп калды, анткени балдар үйү менен бул жердин айрымасы асман менен жердей эле. Дыйканбай менен Нуржамал басса турса жалынып-жалбарып турат, кийим-кеченин жаңысы, китеп-дептери, сумкасы баары алданемедей жаңы. Көңүлү өсүп сабакка дагы дилгирленип калган. Келгенине алты-жети жыл болуп кадимкидей бой жете түштү, онунчу классты бүткөн жылы Дыйканбай бир-эки күн ооруп жатып дүйнө салды. Ошондо аталап ыйлаган Кубанычты көргөндөр кеп кылып тамшанып жатышты.

- Байкуш Дыйканбай, жээн болсо да багып койгону жакшы болуптур, атакелеп баласы жоктой кылбай өкүрүп жатат, - деп бири айтса бири:

- Капырай, жалгыз кызынын баласы да, өкүрбөгөндө эмне кылат, энеси болсо дагы таята дейт беле? - деди бири, - Байкуш Гүлсүн жап-жашында өлүп калып жаман болду.

- Эмнеси бар экен, өлүм үчүн баласы бары, баласы жогу баары бир эмеспи, колунда бары өз атагы үчүн, өздөрүн көрсөтүш үчүн жасап жатат, болбосо өлүктү кайда калды, кайда койду, мал сойдубу, сойбодубу айрымасы жок, ал бир жалгыз бечара эмеспи, - деди четте турган аял.

- Аның да туура, тирүүсүндө жыргатпай өлгөндө мал союп, дос-тууганын чакырып өзүнүн атын чыгарганы курусун, - деп ар кимиси ар кайсыны айтып жатышты. Дыйканбайды да жерге берип, каада салты менен коюшту, Нуржамал небереси менен жалгыз калды, бирин-экин жандыгы бар, эркектин ишин өзү жасайт Кубаныч, эне бечара ошого каниет кылып жашоосун улантып, кызы менен чалына куран окутуп, жыт чыгарып турат. Карылык менен күйүттөн бир аз эңкейип басып калган, Кубаныч өзүм жасайм, жөн отура бериңиз десе дагы болбойт.

- Балам, сенин боконо сөөгүң ката элек, оор ишти жасай турган маалың боло элек садагаң, көзүмдүн тирүүсүндө сага арнап жаңылап жасап коеюн, - деп болбой өзү козу койдун жүнүн сабап кийиз кылып ала кийиз, шырдак жасайт.

- Апа, аларың кыл болуп жүдөтөт, килем палас эле сатып алабыз, - деп Кубаныч күлөт.

- Ээ балам, муну эне бармагы дейт, сатып алганды атанын эмгеги дейт каралдым.

- Ошондой дагы болобу?

- Анан эмей, алы-күчүм барында жасадым, эми сенин көзүңө көрсөтүп дагы жасайын, - деп уулун эркелете карап мулуңдап койгондо тиши жок кызыл ээк оозу кемшиңдей түшөт.

- Бекер кыласыз, кыйналбай эле тынч отура бербейсизби? - деп Кубаныч ого бетер таенесине күлүп калат, алардын дал ушул мүнөттөрү өзүнчө эле бакыт эле.

- Мурдуңа кел десе, сени үйлөнтүп, жайлантып анан бүт үй мүлктү сага өткөрүп берип өлсөм экен, - деди ойлуу Нуржамал.

- Кимди алып бересиз? - Кубаныч ажыкыстана карады.

- Өзүң каалаганды алып келесиң да балам.

- Мен албайм, окууну бүтө элекмин да.

- Ошо окууңду бүтсөң анан алып келесиң.

- Аскерге барбайынбы?

- Сен аскерге барып келгенче өлүп калбайынбы?

- Өлбөйсүң апа, мен сизди өзүм көтөрүп багам.

- Кагылайын каргадайым, сени бактырбай калайын, төрүңдө отуруп, келинимдин колунан чай ичип, чөбүрөмдү колума алып жыттап алсам арманым жок эле.

- Шашпа апаке, менин он баламды көрөсүз.

- Оо кагылайын десе, ушу сенин бир эле балаңды көрүп чөбүрөмдү колума алсам арман жок, өмүрүң узун болсо экен, кудай таалам сага өмүр берсин каралдым, - деп эне ойлуу сабап жаткан жүнүн карап телмире отуруп калды. Убакыт зымырык куш дегендей эки жыл бат эле өтүп кетти. Нуржамал басса-турса жаратканга жалынып: "Ээ кудай, ушунуңа да шүгүр, жалгызымдан жалгыз чүрпөнү колума берип, жаныма эрмек кылып бердиң, ушунун жамандыгын көрсөтө көрбө, эми ушул чөбүрөмдүн наристесин колума алып жытын жыттасам экен, жүгүрүп жүрүп мүдүрүлтүп ала гөр", - деп өзүнчө кобуранып алат. Кубаныч узун бойлуу, кең далылуу, бүркүт кабак, көп сүйлөбөгөн жигит болду, Нуржамал али күүлүү, кирип чыгып Кубанычка бел. Шаарда жашап калган Дыйканбайдын карындашынын баласы аларды чакыртып ийген экен, Нуржамал небересин ээрчитип алып жөнөдү. Экөө дарек боюнча үйгө келип эки-үч күн туруп калышты, бул үйгө жакын Жайна жашачу, ал Кубанычты жеткирип барган бойдон каттаган эмес. Кадырдын баласы менен көчөлөп жүргөн Кубаныч:

- Сен шаардыксың го, кызың барбы? - деди.

- Жок, азырынча кыздарга көңүл жок.

- Эмнеге, тоок сүйүү да келе элекпи?

- Кандай-кандай? - Эрмек түшүнбөй карады.

- Ушул куракта тоок сүйүү, андан кийин чымчык сүйүү, анан чыныгы сүйүү дегендер болот, - деди керсейе Кубаныч.

- Койсоңчу, ал илгеркилердин былжырак сөзү да, - Эрмек ага моюн бербей өзүн андан өйдөрөөк сезип көтөрүңкү сүйлөдү, - Азыр деген жыйырма биринчи кылым, илгеркилер сүйлөй бербейби.

- Сен өзү кыргызсыңбы?

- Эмне экен, кыргыз элемин.

- Кыргыз болсоң, ата-бабаны мазактаганың болбойт, анткени биз кайсы кылымда жашасак дагы урпактары болобуз, - деди Кубаныч, экөө ошентип талашып-тартышып келе жатып үйүнүн дарбазасынын жанына келип туруп калганда Алмагүл бир курбусун узатып чыгып туруп калды.

- Тээ тигил кыз жагабы? - деди Эрмек Кубанычка карай.

- Кайсынысы?

- Аркысы, биздин кошунабыз.

- Жаман эмес, коңшуңду тааныштырбайсыңбы?

- Албетте, тааныштырып коем, - деп Эрмек чыйт түкүрүп эки колун чөнтөгүнөн албай кыздар жакты карады. Эрмек бою кыска, бетинде билинээр-билинбес сепкили бар арык кара бала, ал Кубанычтын келбеттүү жүзүнө карап өзүнөн-өзү пас болуп кетчү болгон, азыр дагы ал коңшуңду тааныштыр дегенде ичинен кызганып кетти. Алмагүл Эрмекти такыр жанына жолотчу эмес.

- Кана, күчүңдү көрөйүн, бөлөмдүн кыздарга кандай шыгы бар экен? - деп Кубаныч күлүп калды.

- Алмагүл! - деди Эрмек эки кызды көздөй басып, ал бери карады, Эрмек жетип учурашып бир аз туруп анан Кубанычка кол шилтеди, эки кыз тең сымбаттуу жигитти карап калышты.

- Салам кыздар! - деп Кубаныч жете келип алар менен учурашып, - Менин атым Кубаныч, - деди жылмая.

- Алмагүл.

- Айдай.

- Таанышканыма кубанычтамын.

- Биз дагы, - Эки кыз бири-бирин карап күлүп калышты.

- Сиз бул жерде конок болсоңуз керек? - деди Алмагүл.

- Таптыңыз, мен конокмун.

- Жакшы экен, көпкө болосузбу? - Айдай суроо узатты.

- Бир аз күнгө болом го?

- Анан кетип каласызбы? - Алмагүл бырс эте күлүп койду.

- Кал десеңиз кала берем.

- Аа-ай, жөн эле айттым, - Алмагүл колу менен оозун баса курбусуна жашынып калды.

- Уялбаңыз чоң кыз, анчалык эле маданиятсыздардан эмесмин, - деп Кубаныч куудулдана карап жашынып турган кызга эңиле көзүн кысып койду.

- Шок жигит экенсиз, - деп Айдай сөзгө кошулду.

- Жигит болгон соң шок болуу керек, - деп Кубаныч Алмагүлдү улам карап коюп жатты. Көпкө сүйлөшүп турушуп анан бөлүнүштү, Кубанычка Алмагүл бир көргөндө жагып калды, үйүнө келе жатып Эрмекке кайрылды, ал сүйлөмөк болгондо:

- Кубаныч, сен качан үйлөнөсүң? - деп калды Эрмек.

- Буйруса үйлөнөм, - Кубаныч Алмагүлдүн үйү тарапты карап койду, - Коңшуңду көндүрүп берсең.

- Оо-ой, ал болбойт го, апасы врач, окуйм деп жатат.

- Окуса окуйт да, ала качып кетсе кайда барат эле?

- Сен чындап эле жактырып калдыңбы?

- Жактырып эмес, сүйүп да калдым, - Кубаныч жылмая карады, - Жактыруу менен сүйүүнүн айрымасы бар да.

- Бир көргөндө элеби?

- Эмнеси бар, бир көргөндө сүйүп калуу деген өтө кыйын болуу керек, кыскасы мен Алмагүлгө үйлөнөм.

- Кел мелдешебиз, - Эрмек колун сунду.

- Мелдешсе мелдешебиз, эмне коесуң? - Кубаныч колун бербей карады, - Бир нерсе койбосоң мелдештпейм.

- Үйлөнсөң мен сага минип жүргөн машинамды берем, эгерде үйлөнө албасаң сен мага бир жылкы бересиң.

- Сүйлөштүк, - Экөө кол алышып турганда Нуржамал чыга калды.

- Силер эмне кылып жүрөсүңөр балам, кечикти деп коркуп жатпайынбы?

- Ой апа-а, эмнеге коркосуз?

- Балаңыз үйлөнгөнгө кыз издеп жүрөт, - деп Эрмек күлүп калганда Кубаныч аны жини келе токтоо карап:

- Тамашалап жатат апа, ишенбе ага, - деди.

- Кагылайын десе, үйлөнгөнүң жакшы эмей, келиндин колунан чай ичсем кана? - деп ары көздөй басты.

- Жиндисиңби? - Кубаныч ал ары кетээри менен Эрмекти колтук тушка акырын муштап жиберди.

- Эмне урасың, колуң катуу экен.

- Оозду бекем алып жүр да, эркексиңби өзү?

- Эркек болбогондо эмне, эркек элемин, - деп кызаңдай түштү Эрмек, - Айтып койсо эмне болмок эле?

- Айтпа, оозуңа бек бол.

- Болуптур, - деп жактырбагандай бурк этип өз бөлмөсүнө кирип кетти, Эрмек дагы беш кыздын ичиндеги жалгыз уул, ал өзү билип өзү коет, атасы жалгыз балам деп жигули сатып берген, каалаганда айдап чыгат, Кадыр мурун бухгалтер болчу, азыр өзүнчө дүкөн ачып алышкан, оокат аштуу, үч кызын турмушка узатып уулунан кичүү эки кызы окууда. Аялы Сайра балпайган жакшы аял, Созул картайып калган, ал дагы жалгыз баласы Кадырдын төрүндө бактылуу карылыкты сүрүп жаткан кези. Жеңеси Созулду ошол чакырткан, анын ою бир тууган агасынын жээнине небере кыздарынын бирин берип сөөк жаңыртып Кубанычты жалгызсыратпай арка жөлөк болсо деген ойдо эле. Бирок Кубаныч анын эки небере кызына көңүл да бурган жок. Дамира менен Замира экөө сары, беттеринде билинээр-билинбес саргыч сепкилдери бар кыска бойлуу кыздар. Бир жумадай туруп калышты, Кубаныч Алмагүлгө андан кийин эки жолу жолукту, экөө бири-бирине билинбеген сезимдердин тартып турганын сезгени менен сыпайы-сылык гана сүйлөшүп жүрдү. Нуржамал бир күнү:

- Кызыке, биз эми кетели, үй-жай эмне болду, кетпесек болбойт, ууру-кескилер көбөйгөн убак, - деди кайын сиңдисине карай.

- Жеңе, биз эми картайдык, малың жайлоодо, үй жайды Эрмек менен Кубаныч барып көрүп келсин, күзгө чейин жээн балаңдын сыйын көр, биздин эми эмнебиз калды, эски малдын көзүндөй, жоголгон бычактын сабындай болуп экөөбүз калдык, биздин дагы бул дүйнөнү таштап кетээр күнүбүз алыс эмес, көңүл жубатаар, жүрөк кубантаар балдарыбыздын сыйын көрөлү, - деп Созул андан аркы сөзүн айтпай токтоп калды. Ал өз пикирин эч кимге айткан эмес, кокус Кубаныч кыздардын бирин жактырып калса, Кадыр ага арка жөлөк болот эле деп айтайын деп оозун таптап барып унчукпай калды.

- Аның ырас дечи кызыке, мына сексенге келип ашып да барамбы ушул Кубанычты үйлөп-жайлап койсом дегенде эки көзүм төрт, Гүлсүнүмдү күйөөгө берип, куда кудагый күтүп сый көрөбүз деген оюбуз таш каап калды, жалгызымдан айрылып... - Муңкана көзүнө жаш алды, жыртайган көздөрүнөн аккан жаш кадимки соолуп бараткан булактын тамчысындай эле, - Дагы жараткандын мунусуна шүгүр, үмүтүбүздү жандырды, акең экөөбүз ушуга чейин жеттик, болбосо Гүлсүндүн артынан эле кетмекпиз.

- Ооба-ооба, аның туура жеңе, акем байкуштун арманы ичинде кетти, бир уул болсо жакшы болбойт беле, Гүкү аман болгондо да башка эле, аттиң адамдын өз оюндагыдай болбойт турбайбы.

- Мен акеңе жакшы эле айттым, аял алып балалуу бол деп, өзү болбой койбодубу.

- Сени акем жакшы көрчү эмес беле?

- Койсоңчу кыз, ушу куракта мындай сөз кулакка жат угулат экен, - деп Нуржамал кудуңдай, жүзү тамылжый күлүмсүрөп алда нени ойлонгонсуп калды.

- Деги экөөңөрдүн сүйүүңөр кыйын күчтүү экен да? - деп Созул айтканда экөө тең күлүп калышты.

- Эми жаштыкта болот экен да, айланайын жаштык ай, - Нуржамал тамшанып алды.

- Жеңе, баягы Гүлсүндүн курдаш кызы биздин коңшубуз Маанайдын жалгыз кызы тура, Жайна бала кезинен эле жакшы кыз болчу, эми врач болуп иштейт, жакында аны күйөөгө тийет экен деп уктум.

- Ботом күйөөсүчү?

- Күйөөсү эбак эле өлгөн, апасы дагы эки жыл мурун өтүп кетти, бечара үч баласын багып зымпыйып эле жүрдү эле.

- Жалгызым барган жерге барган экен да, жазасын алланын алдында өтөсүн, - Нуржамал муңканып алды.

- Жазасын тирүүсүндө эле алды окшойт, жинди болуп кетип ошондон өтпөдүбү.

- Эмне демек элем, өлгөн адамдын артынан акаарат кылганда эмне, качандыр бир кезде мен да барам, ошондо кездешчү дүйнө болсо атаганат...

- Чоң эне, Кубаныч экөөбүз ойноп келеличи, - деп Эрмек баш багып сурап калды, - Машина менен кетебиз.

- Ой какмар, Кубанычты бери чакырчы! - деди Созул.

- Эмне кыласыз?

- Сөз бар.

- Азыр, - деп Эрмек кайра ары кетип Кубанычты ээрчитип кирди.

- Чакырдыңызбы эже?

- Ооба, Эрмек экөөңөр оюнду коюп үйүңөрдү көрүп келгиле, быйыл жеңем экөөңөрдү кетирбейм, оокат тирчилик кайда качат эле, көбү кетип азы калганда түйшүктү коюп бутту сунуп тынч жашасын, сен үйлөнгөндө гана барат, - деди Созул өктөм.

- Койсоңчу кыз, кетпесек болбойт.

- Менин айтканым айткандай болот жеңе, бул үйдө менин сөзүмө каршы тура турган эч ким болгон эмес.

- Мейли-мейли, - Нуржамал күлүп калды, - Акең раматылык дагы сен сүйлөгөндө унчукпай калчу эмес беле, дагы бир-эки жумадай турса туралы...

- Баргыла, машинаны этияттап айдап барып келгиле уктуңарбы?

- Макул, - Эрмек сыртка карай жөнөдү, артынан Кубаныч чыкты.

- Эжем бул үйдө президенттин ордунда турбайбы ээ? - деди Эрмекке жете берип Кубаныч.

- Апам вице президент, - деп койду Эрмек, ошентип алар айылга кетишти. Нуржамал унчукпай калды: "Айтса, айтпаса төгүнбү, өлсөм баары эле калат, жаман чүрпөм аман болуп үйлөп койсом көөнүм тынып калат эле, өлсөм да сары санаа болбой кетээр белем", - деп зыңгырай ойлонуп калды. Бул турмушта арманы жок, күйүтү жок адам болбосо да керек, зыңкыя кийинип, сыр алдырбай эл ичинде жүргөн адамдардын ар биринин жүрөгүндө жок дегенде бир орду толгус арман, өкүнүч болот экен. Нуржамал ошентип каранаар-карманаары жалгыз Кубаныч болуп үмүт менен жашап жатты. Созул андан он жаштай кичүү, күүлүү-күчтүү, өктөм сүйлөп, үйдө бийлик жүргүзгөн аял. Уулу Кадырбек апасынын сөзүн бөлбөй угуп, анын сөзүнө туура эмес деп бир жолу айткан эмес, элүүлөргө келип калса да апасынын айтканын четке какпай ырастап турат. Бактылуу үй-бүлөө, аялы Созул өз кызындай карайт, экөө эне баладай.

Кубаныч үйдү көрүп келген соң алар тынч алып калышты, ага бул жерде жүрүү жагып Алмагүл менен жолугуп турганга ыңгайлуу шарт түзүлгөндүктөн кубанып жүрдү. Бир күнү ал дарбазадан чыгып анын үйү тарапты карап турган, Алмагүл чыгып бир жакка жөнөп калды.

- Кандай Алмагүл, ден-соолуктар, иштер жакшыбы? Кубаныч дароо жетип жандай басты.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Баары сонун, кайда жөнөдүңүз?

- Жумуштар менен...

- Өтө зарылбы?

- Ошондой болушу мүмкүн, сиз конокко узакка келгенсизби?

- Ооба, сиз үчүн узартып койдум.

- Чынбы? - Кыз жарк эте күлүп жигитке карады.

- Калп айтканга көнбөпмүн.

- Эмнеге мен үчүн?

- Жүрөк каалап турса...

- Кызык экен.

- А сиздин жүрөгүңүз бош эмеспи?

- Азырынча эч кимге ээлете элекмин, анткени эрте го дейм.

- Кантип эле?

- Ушинтип эле, он сегизге жаңы чыктым да.

- Тең эле окшойбуз, а мен толо элекмин.

- Чынбы, анда иничек болот экенсиз.

- Айынча улуу эчтеке эмес, - Кубаныч күлө карап кыздын алдына өтүп арты менен басып баратты, - Мен сизге ашыкмын десем не дээр элеңиз?

- Азырынча эртелик кылат.

- Мен быйыл үйлөнөйүн дегенмин, сиздей жаркын кыз жарым болууга макул болсо.

- Мен айталбайм го? - Кыз уялыңкы жер карап токтоп калды, - Мени кое бересизби?

- Макул, бирок көрүнбөй калсам издеп калбаңыз.

- Мүмкүн эмес, анткени мен кыргыз кызмын, уят ар намыс деген бар, жана күчтүү.

- Чын элеби? - Жылмая жолунан кетип катарына басты, - Мага дагы нукура кыргыз кыздары жагат, бул шаарда жарымы орус кыргызмын деген кыздар толтура тура, неге шаардык болуп туруп кыргыз бойдон калдыңыз?

- Мен чоң ата, чоң эне көргөмүн, алардын айткан акыл-насаатарын угуп чоңойдум, апам дагы уруксат бербейт, - деди кыз салмактуу сүйлөп.

- Апаң эле барбы?

- Ооба, атам өтүп кеткен.

- Кечирип кой.

- Анын эмнесине кечирим сурайсыз?

- Сураганыма, менде ата-эне деген жок, таене-таятамдын колунда өстүм, - деп Кубаныч дагы кабак чытый жер карап кетип баратты.

- Адам деген жаралып, кайра өлүп турат экен да, өкүнүчтүүсү картайганда эмес жашында өлгөнү...

- Капа болбо, мен деле апамдын сүрөтүн көрүп, атамдын атын билбей жүрбөйүнбү Алмагүл, андан көрө кечинде чык, сүйлөшөбүз макулбу?

- Билбейм, апамдан корком.

- Анда апаңа кирип уруксат алайынбы? - деди Кубаныч жылмая.

- Жок-жок, ошондой да болчу беле? - Алмагүл кызарып уяң карады, - Инилерим да бар, алар билип калса...

- Койчу эми, мен кечинде күтөм, эмесе жакшы барып кел, - деп Кубаныч кызды узата карап калды: "Демек менин купулума толчу кыз ушул, апамды дагы сыйлай алат, мен эми эч качан Алмагүлдөн ажырбайм", - деп үйгө кирди.

- Уулум, кайда жүрөсүң айланайын? - Нуржамал аны көрө сала сурады.

- Сыртта жүрдүм апа.

- Көп эле жүрө бербесеңчи балам, бөлөк эл, бөтөн жер, бирөө жарым капа кылып жүрбөсүн?

- Оо койсоңузчу апа, мендей балаңызды ким капа кыла алат экен? - Кубаныч апасын жаркылдай кучактап күлүп өөп койду, - Э-эч ким мени капа кылбайт.

- Ошондой эле болсун, - Эне дагы кудуңдай карап койду.

- Апа, мен сизге бир сөз айтайынбы? - Эркелей карады.

- Айта гой каралдым, ал эмне кеп экен?

- Мен бир кызды жактырып калдым, - дегенде сырттан кирип келе жаткан Созул токтоп калды, - Апа, ал кыз башкача кыз, көрсөңүз сөзсүз жактырып каласыз, апасы врач болуп иштейт экен, атасы өлүп калыптыр, - дегенде эле Созул түшүнө койду, Алмагүлдү айтып жатканын:"Сени шашпа, экинчи оозуңа алгыс кылайын, менин кыздарыма дегеле көңүл буруп койбогонун", - деп ойлонуп алып кирип келди.

- Сага жакса эле болду садага, - деди мээримин төгө Нуржамал жалынып.

- Эне-бала эмнени кеп кылып жатасыңар, кубанычтуусуңар го?

- Уулума силердин айылыңардан кыз жагып калыптыр.

- Болсун-болсун, ал ким экен?

- Аны кийин айтам эже, - деп кубанычтуу күлүңдөгөн Кубаныч сыртты көздөй жүгүрүп кетти.

- Садагаң кетейиним десе, ушуну бир өз түтүнүн булаткыдай кылып койсом арманым арыла түшөт эле, Гүлсүнүмө дагы айта бара турган дүнүйө болсо кана? - Нуржамал үшкүрүнө отуруп калды.

- Бул айылдагы кимдин кызы болду экен? - Созул кыртышы сүйбөгөндөй жеңесин карады.

- Өзү тактап билсинчи, анан көрөбүз.

- Ботом, алигиче тактап билбептирби?

- Бала неме көөнүнө жакканын жашырбай жаткан го?

- Байкасын, антпесе бир туура эмес кыздарга илинип алып сени да өзүн да кыйноого салып жүрбөсүн?

- Кубанчик өтө акылдуу эжеси, көзү жетпегенге киришпейт, атасы дагы ошол сапатын жактырып, балам чечимди туура чыгарат, баарын таразалай билет дечү, - Нуржамал жээн небереси менен сыймыктана кудуңдай карады, - Баарына акылы жетет.

- Ошондой эле болсун, - Созул ойлуу телмире калып, - Жетимге жөтөлдүн кереги не дегендей иш кылса болмок, мына кыздар деле турат, алыстабай жакындап калат элек, мен го неберелеримди таңбайм дечи, кийинкисин ойлонсо болот эле, Кадырым атасындай болуп көтөрмөлөбөйт беле? - деди.

- Аның туура эжеси, бирок бала неме айтты да койду, ким билет андай болбой калабы? - Нуржамал ойлонуп калды: "Айтканында төгүн жок, биздин көзүбүз өтсө Кубаныч Кадырга каттайбы жокпу, кокус кызына үйлөнсө өз бала болуп калат беле", - деген ойдо турду.

- Арабыз алыстабай, балдар аркылуу кайра жакындап, жамандык жакшылыгыбыз бирге болуп, биз өтсөк дагы балдар кайрадан сөөк жаңырып калбайбы жеңе.

- Капырай десең, мурдатан неге кеп кылбадың кыз, баланын кулагына сиңире айтып демек экенмин, ал өзү өтө тартиптүү, эжесинин кыздарына көз салган уят деди го берекем.

- Мейли, эми дагы кеч эмес, аны дагы көрсүн, жаш эмеспи, кандай кыз, ата-теги кандай, анан өзү эле ойлонот, - Созул башын ийкеңдете отуруп калды. Кадыр таажеңесин сыйлап эки-үч жолу машинасына салып концертке алып барып келди, күндө чүйгүндөп тамак жасап алдына коет. Дамира негедир кийинки күндөрү Кубанычка айланчыктап бирдемелерди сурап калчу болду, аны Созул бир күнү өзү үйрөткөн болчу, бирок Кубаныч ага карындашындай карап суроосуна жооп берип басып кетет. Алмагүл менен таанышканын уккан Созул бир күнү Дамираны өзүнчө чакырып алып:

- Ой кыз, сенин жаның барбы деги, ушу жашыңда бир жигитти өзүңө карата албасаң эмнең кыз ыя? - деди өктөм, - Кубаныч сага жагабы?

- Чоң эне, ал мага көңүл да бурбасачы.

- Эмнеге бурбайт, мурдуң маңка, көзүң сокур, бутуң төкөр эмес го, акылың кудайга шүгүр, имер Кубанычты, жигиттин жигити Бексултандай немени эр кылып ал!

- Койчу чоң эне, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген.

- Сүйкөн, сүйкөнүп эле имерип ал.

- Кызыксыз да чоң эне, ар ким өз каалаганын алат да.

- Сен ага жол бербе, аракет кыл, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти Созул. Дамира ойлонуп сыртка чыкты, машина турат. Эрмек өзүнүн бөлмөсүндө экен. Кубаныч жок, сыртка чыгып короосунун четине келе жатып жол тараптан үндөрдү угуп ошол тарапты көздөй басты, шыңк эткен тааныш үн кулагына шак дей түштү: "Кимдер болду экен", - деп дабышын чыгарбай акырын басып дубалдын түбүнө келип тыңшап туруп Алмагүлдүн үнүн даана тааныды.

- Кубаныч, окууга тапшырып жатам, эмитен үйлөнгөндө эмне, андан көрө күт, сен дагы окусуң болот, убактысы келгенде деле үйлөнөбүз, - деди кыздын үнү.

- Алмаш, менин карыган таенем бар, аны жалгыз таштап окууга тапшыра албайм, өлгөнчө сенин балаңды көрсөм болот эле деп жатпайбы, - дегенде Кубанычтын үнүн да таанып калды: "Булар качан таанышып, сүйүшө калды экен", - деген Дамира ичинен Кубанычты кызгана үйдү көздөй басты.

- Анда мен азыр турмушка чыга албайм.

- Сен мени сүйбөйсүңбү Алмаш? - Кубаныч кызды имере кучактап жүзүнөн сүйдү, - Мен сени бир көргөндө сүйүп калдым, апама айтсам каалаганың болсун деп айтпадыбы.

- Эмне кылайын анан, биз үйлөнүүгө өтө эле жашпыз го Кубаныч?

- Кайдагы, илгеркилер кыз он эки, он үчүндө эркек он беш, он алтысында эле үйлөнүп алышчы экен.

- Корком, күйөөгө тийгенден корком, - деп Алмагүл дагы күлдү, шыңк-шыңк этип наздуу жылмайганда айдын жарыгында түнкү салкын желге сеңселген саамайы жүзүнө түшүп, кашкайган тиштери көрүнүп турду.

- Коркпо, мен турбайынбы, сен мага жооп берчи, сен мени сүйөсүңбү деги?

- Ооба...

- Болду, мага ушул гана жооп керек болчу, - деп Кубаныч кызды көтөрүп алып айланкөчөк болуп тегеренип жатты.

- Кое берчи Кубаныч, кеч болуп кетти, апам келип калса көрүп калат, - деп кыткылыктаган кыздын колдору жигиттин эки ийининде эле.

- Көрүп калса, жүгүнүп күйөө балаңыз болом дейинби?

- Жо-ок, болбойт Кубанчик.

- Апам мени урушат, - деп жерге түшкөн кыз шашып турганда алардын дарбазасынын тушуна волга токтоп Жайна түштү:

- Жарайт көрүшкөнчө! - деп айдоочубу же башкабы коштошту да тыкылдай басып үйүн көздөй жөнөдү, Алмагүл бүрүшүп отура калды:

- Өлтүрөт эми, артынан кирип барайын, бар эми, - деди да жүгүрүп кирип кетти, Кубаныч жүзүндө бакыт нуру жана артына бурулду. Алмагүл шашыла кирип барса Жайна өз бөлмөсүнө кийим алмашканы кирип кеткен экен.

- Апа келдиңизби?

- Ооба кызым, жата элексиңби?

- Сизди күтүп отурдум, кечиктиңиз го?

- Иш көп кызым, - Жайна ойлуу кызын карады, - Эс ала бер кызым, эртең менен Акмат менен Адылды эрте ойготуп, өзүң дагы эрте тур, сүйлөшө турган кеп бар.

- Макул апа, - деди да Алмагүл бөлмөсүнө карай басып кетти. Жайна ойлуу көпкө отурду: "Балдарга ачык айтуум керек, айтпасам болбойт, Алмаш түшүнөт, балдар кабыл албай коюшу мүмкүн, айтып түшүндүрөм, мени алар түшүнүүсү керек", - деп ойлонуп анан ордуна жатып калды. Эртеси эрте туруп таңкы тамакты өз колу менен жасаган Жайна балдарын күтүп жатты, бир кезде чогуу үстөлгө отурганда Жайна тамагын куюп ар бирин көз токтото карап отуруп анан сөз баштады:

- Алмаш, сен бой жеттиң, Акмат сен дагы чоңойдуң, Адыл болсо жашыраак, - Сөзгө такала түштү, эмне деп айтаарын билбей кашыгын кармалап саамга туруп анан, - Мен күйөөгө чыкканы жатам, - дегенде Алмагүл ууртап жаткан чайына чакап кетти, эки уулу маңыроо карап калды, - Силер мени туура түшүнгүлө, мен бүгүн ал адамды силер менен тааныштырам.

- Апа, - деди Алмагүл.

- Айта бер кызым.

- Сиз анан кайда жашайсыз?

- Кызым, - Жайна кызын бооруна кысып көпкө туруп көзүнө жаш тегеренип кетти, - Мен ушул эле жерде жашай берем, кайда бармак элем? - деди анан.

- Мен коркуп кетпедимби, анын үйүнө кетип калабы деп, - Алмагүл дагы эрээркей ыйлап ийди.

- Мен силердин эле кашыңарда болом кызым, ошондой деп сүйлөшкөнбүз, эмесе мен кеттим кызым, инилериңди кара, кир когун жууп кой ээ? - деп Жайна кызын чекесинен өөп шашыла чыгып кетти...

Дамира ошол түнү көпкө ойлонуп жатты: "Менин Алмагүлдөн эмнем кем экен, эгерде алар чындып эле бири-бирин жактырса дагы сөзсүз бузамын, ал менин колумдан келет", - деп коңшу классташ кызы Алмагүлгө атайын көрө албастык менен карап ичи күйүп кызганып жатып уктап кетти. Эртеси түшкө жакын Алмагүлдүн үйүнө барып атайын эле сөз баштады:

- Алмагүл, мен сага бир сырдашайын деп келдим, угасыңбы?

- Айта бер угам, кандай сыр?

- Атамдын тайкесинин жээни биздин үйдө жүрөт, ошого мени алып беребиз деп жатат, таажеңем атайын ошол үчүн келиптир да Кубанычты алып.

- Чын элеби? - Алмагүл таңгала карап калды.

- Эмнеге калп айтмак элем, Кубаныч экөөбүздү күзүндө үйлөнтөбүз деп камынып жатышат.

- Бактылуу бол, - деп Алмагүл суз гана айтканы менен ичинен: "Кубаныч, мени неге алдап жүрөсүң, Дамирага куда түшүп келип анан мага сөз айтканын кара", - деп ойлонуп кетти.

- Кубанычты сага тааныштырайынбы? - деди анын абалын сезген Дамира, - Абдан жакшы жигит, тез эле үйлөнүп алалы дейт ой тобо, - деп атайылап өзүн бактылуу көрсөтө күлүп койду, - Сүйүп калдым дегенин кантесиң?

- Чын элеби?

- Ооба, келгенден эле ошентип жадагалса колуктумсуң, - деп жатпайбы жинге тийип.

- Өзүңө жагабы?

- Жагып калды, жаңы келгенде анча карачу эмесмин.

- Жакшы, бактылуу болгула, - Алмагүл сыр билгизбей ага ушинтти да өз ишине киришип Дамиранын тез кетип калышын каалады, - Мен тамак жасамак элем, кол бошобойт.

- Макул мен кеттим, тойго чакырсам барасың ээ?

- Эмнеге барбайм, барам да.

- Рахмат, жакшы кал, - деп чыгып баратып: "Эми сен Кубанычты жолотпосуңду билем, акыры ал меники болот", - деп кудуңдай үйүнө жөнөдү, келсе Кубаныч менен Эрмек эшиктин алдында машина оңдоп жатышыптыр, үйгө кирип алып кандай кылып жакындаарын билбей ойлонуп жатканда Эрмек:

- Дамира, суу алып чыкчы! - деп калды. Шашыла суу алып чыкты эле Эрмек колун жууп ичкери кирип кетти.

- Келиңиз, мен куюп берейин, - деди Кубанычка.

- Жок, өзүм эле жууп алам, Эрмектей эрке эмесмин, - деп жылмая чөөгүндү кыздын колунан алып ары басты.

- Мен куюп берсем болбойбу? - Дамира кайра жетип барды, - Өзүңүзгө болбойт го?

- Эмнеге? - Кубаныч ага көңүл бура карады, - Кыздарга суу куйдуруп жуунганды анча жактырбайм.

- Эмнеге, кыздарды ошончолук жаман көрөсүзбү?

- Жок, ошончолук сыйлайм.

- Кызык экен, сыйласаңыз колумду томсортмок эмессиз.

- А сиз туура кабыл алсаңыз томсорбойсуз.

- Мен таарынып калдым.

- Бөлө болуп кетебиз, а-а бөлөгө таарынса боло берет.

- Макул, - Дамира ойлонуп туруп, - Сизди биздин айылдык кызга ашык экен деп уктум, - деди сынай.

- Болушу мүмкүн.

- Чыны менен эле сүйүп калдыңызбы?

- Аябай, өзүмдөн да артык сүйдүм.

- Ошондой деңиз, ал сиздин сүйүүңүздү баалай турган кыз болду бекен?

- Акылдуу, асмандагы айдай, жер бетинде жайнаган гүлдөй, тунуктугу аккан суудай, тазалыгы аппак сүттөй! - Кубанычтын күлүмсүрөп кыялданып сүйлөп жатканын көргөн Дамира ызаланып басып кетти, - Ээ-эй, кайда кеттиң Дамира?

- Мен бул жактамын, ишим чыгып калды.

- Ма-акул, - деген Кубаныч өзү жуунуп, сүлгүгө аарчынып, жасанып жатканын көргөн Дамира жини келип жатты. Ал күнү Кубаныч Алмагүлгө барып чыгара албай койду, маанайы пас үйгө келгенде Дамира аны алдынан тосуп алды:

- Кабагыңыз мынча салыңкы?

- Сага тиешеси жок бөлөм, - Кубаныч ага карабай кирип кетти. Дамира унчукпай кала берди. Бирок ал өзүнүн кылганына кубанып: "Эми апаңдын тилин албаганда кайда барат элең, акыры меникисиң", - деп ойлонуп бөлмөсүнө кирди.

Алмагүл капаланып ыйлап отурса Жайна Сабырды ээрчитип келип калды, алар менен сылык учурашып, өзүн тааныштырган Сабыр:

- Мен Жайнаны өмүр бою сыйлап, силерге да камкор ата боло аламын деп ойлойм, албетте силер уруксаат берсеңер, - деди жылмая оңтойсузданып.

- Кызым, сен улуусусуң, инилериң болуп сүйлөшүп кандай чечтиңер? - деди Жайна.

- Апа, биз өзүңүз кандай чечсеңиз ошого макулбуз, - деди Алмагүл.

- Азамат кызым, бул сөзүңө ыраазымын, - Сабыр акырын башын ийип койду, - Эртең апаң экөөбүз үйлөнөбүз, эки-үч күн келе албайбыз, кааласаңар менин коногум болуп чогуу болгула.

- Барбай эле коелу, апамды бактылуу кылсаңыз эле болду, биздин каалоо тилегибиз сиздер менен бирге, - деди Алмагүл токтолгон адамдай сыпаа сүйлөп.

- Рахмат кызым, инилериңе көз бол, тамак-ашты алып келдик, аларды муздаткычка салып ал, балдардын кардын ачтырбай убагында тамактангыла ээ? - деп Жайна жаадырай уул-кызына кайрылды да Сабырды тиктеп, - Кеттик анда, - деди жылмая. Ошол кезде Алмагүл жетип барып апасын бекем кучактап калды:

- Апа, апакем менин, ылайым эле бактылуу болуп жүрө берчи, биздин ырысыбызсың апакебай!

- Каргадай болгон эрке кызым десе, мага капаланган жоксуңбу садага? - Жайна кызын кучактап чачтарынан сылай суроо узатты.

- Жок апаке, сиздин бактылуу жүзүңүздү көрүп кубанганымдан ыйлап жатам, мени кечирип койчу апа.

- Садагам менин, ардагым менин, кичинекей чабалекейим, сен минтип ыйлап турсаң инилериң эмне болот, анда мен эч жакка барбай эле коеюн, - деп кызын өөп, чекесинен жыттап сооротту да эки уулуна карады, - Кана менин бүркүттөрүм, мен бара берейинби?

- Бактылуу болуңуз апа, - деп Акмат дагы апасын кучактап эки бетинен өөп, андан кийин Адыл келип дагы өөп сыртка экөө эки колунан алып жетелеше чыгышты. Алмагүл ойлуу телмире туруп калды, ушул кезде ал беш-алты жашында атасынын өзүн эркелеткенин көз алдына келтирип: "Апам атама чыкканда бүгүнкүдөй бактылуу болду бекен, бири-бирин сүйүп үйлөндү бекен же жөн ала качып алды бекен, атам өлбөгөндө күйөөгө тиймек эмес, балким жалгыздыктан тажады бекен? Балким сүйүү деген алдамчы, куру үмүт чыгаар, же болбосо эскиргенде бири-бирин унутуп калышат окшойт", - деп ойлонуп турганда Акмат менен Адыл киришти.

- Алмаш эже, апамдар кетти.

- Кетти деди Алмагүл термеле.

- Эми качан келем деди апам? - деди Адыл.

- Өзү билет, жумушунан отпуска алыптыр.

- Алмаш эже, - деди Адыл, - Биз Сабыр байкени ата дейбизби?

- Эмнеге? - Алмагүл чоочуп кетти, ушул оюна келген эмес экен, - Эмнеге?

- Анан эмне дейбиз? - Акмат дагы суроолуу карады.

- Билбейм...

- Апамдан сурайбызбы? - Адыл кайра сурады.

- Билбейм, кирип телевизор көргүлөчү, - деп Алмагүл ашканага кирип кетти: "Чын эле эмне дейбиз, ата демек белек, кантип?", - деп ойлонуп тамак жасаганга киришти. Кеч күүгүмдө тамактанып алып инилери өз ордуна жаткандан кийин Алмагүл отуруп алып Кубанычты ойлонуп жатты: "Кызык, чын эле Дамирага куда түшүп келишти бекен, анда эмнеге Кубаныч мени сүйөм, сага үйлөнөм деп айтты, балким Дамира калп айткандыр", - деп ойлоп отурганда дагы ышкырык чыкты: "Эми эч качан сага жолукпайм, убара боло бер", - деп жарыкты өчүрүп туруп диванга жатып алып сыртка кулак түрүп жатты. Канча жатканы белгисиз уктап кетиптир, ошол ойдон таң атканда ойгонду. Кубанычтын кабагына кар жаап эки күндөн бери эчтеке ичпей жатып алганын байкаган Нуржамал:

- Уулум, сага эмне болду, капалуусуң да? - деди аста.

- Эчтеке болгон жок апа, качан кетебиз?

- Эжең кетирбей жатпайбы балам.

- Кетирбейт деп эле жүрө беребизби?

- Кеткиң келсе кетели уулум.

- Кетели апа, бул жерге тургум келбей калды.

- Бирөө капаланттыбы садага?

- Жок апа, жөн эле кетеличи.

- Кубанчик, баягы кызың эмне болду?

- Аны унутуп эле коюңузчу, - Нары карап кетти.

- Ошо кызды кой, - Нуржамал ушул туштан пайдаланып оюндагыны айтмак болуп уулуна эңиле калып, - Балам, мен айткан кызга үйлөнөсүңбү? - деди акырын.

- Кимге? - Көңүлсүз сурап койду.

- Менин өлөөрүм эле калды балам, менден кийин сага дагы арка-бел болчу бирөө керек, катын албай кайын ал деген сөз бар каралдым.

- Табышмактатпай эле түз айтчы апа.

- Дамираны эле келин кылып бербейсиңби?

- Эмне?! - Кубаныч ыргып турду, - Апа, ойлонуп айтып жатасызбы?

- Ойлонмок тургай эжең экөөбүз чечип да койгонбуз балам.

- Болбойт апа, тууган деген тууган бойдон калганы эле жакшы го? - Туруп үй ичинде ары-бери басты, - Апа, акылыңдан алжыпсың, мен Дамирага кантип үйлөнмөк элем?

- Эчтеке болбойт балам, кайра жакшы болот.

- Анда мен кеттим, бул жерде бир күн да тура албайм! - деп эшикти ача бергенде Созул менен беттеше калды.

- Кубаныч, мен сени акыл-эстүү бала деп жүрсө...

- Эмне болду эже?

- Апаңды карыганда капалантып эмнеге кетем деп жулунасың?

- Жүрө бермек белек, кетели да.

- Мен сага сен билбеген бир шумдукту айтып берем, отуруп угуп тур, - деди.

- Кандай шумдук?

- Отурсаң угасың, - деп Нуржамалга карап коюп көптөн берки оюндагысын ишке ашырмак болуп сөз баштады, - Сен Алмагүл деген кызды жактырып калдың ээ, анын ким экенин, анын кимдин кызы экенин билесиңби?

- Ким экенин териштиргенде эмне?

- Баары ошол сүрүштүрүүдөн башталат.

- А сиз билесизби аны?

- Эң сонун билем, апаң анын кимдин кызы экенин билсе эбак каршы болмок, - дегенде Нуржамал сөзгө кошулду.

- Ботом ким эле ал?

- Жайнаны билесиң да?

- Ооба, ошонун кызы беле?

- Алмагүл дал ошол Асылбектин, сенин жалгызыңдын чыркыратып жанын алган адамдын кызы!

- Капырай, кандай болоор экен?

- Апа айтчы, ошол Жайна эженин күйөөсү өлтүрдү беле апамды? - Кубаныч Нуржамалды карады.

- Ооба уулум, Жайна дагы билбей милицияга беш алты жыл бою издөө берип жүрүп анан тааптыр...

- Мен азыр эле билем! - деп Кубаныч атыла чыгып кеткенде Нуржамал артынан бөжөңдөй чыкты, аттап-буттап Алмагүлдүн үйүнө барып короонун четинен эле кыйкырды Кубаныч, - Эй Алмагүл, Алмагүл чык бери! - Анын үнүн уккан Алмагүл таң калып: "Жинди болдубу, эл укса эмне дейт", - деп сыртка чыга калды, Кубаныч аны көрүп эле, - Апаң барбы? - деди орой.

- Жо-ок, эмнеге сурайсыз?

- Керек, качан келет?

- Эки-үч күнгө кеткен, айта бер мага.

- Сен эмнени билесиң? - деп артка бурулуп баратып кайра Алмагүлгө кайрылды, - Балким сен дагы билип жүрбө, ошондуктан жолукканга чыкпай жаткандырсың?

- Кубаныч, мен эчтеке түшүнбөдүм, эмне деп эле жатасың? - деп короолорунан чыгып экөөнү карап калган, коңшуларын көрүп уялып кетти, - Айтаарың эмне деги?

- Мен сени менен сүйлөшпөйм! - деп ары карай тез-тез басып кетип калды, Алмагүл эмне дээрин билбей туруп калды.

- Кубаныч, Кубанчик, кайда барасың балам? - Нуржамал ачуулуу кетип жаткан Кубанычтын артынан кыйкырып кала берди. Артына карабай кетип калган небересинен кабатыр болгон Нуржамал Созулга катуу тийди, - Ошону айтпасаң болот эле го, каны суюк жаш бала эмне балээнин ичинен чыгат эми кокуй?!

- Эчтеке болбойт жеңе, кабатыр болбой үйгө кире бер.

- Кантип отурам үйдө, - деп жол боюндагы ташка отура калып көзүнүн жашын аарчый үшкүрүп алды, - Курган жаным ай, кайдан дагы келе койдум эле, аман болгой эле...

- Койчу жеңе, келип калат, ага эмне мынча күйүнөсүң, күйүнсөң да, сүйүнсөң да өтчү өмүр өтпөдүбү, бас эми үйгө кир, келип калат, - деп Кубанычка жини келип турду.

- Кире бер кыз, уулум келмейинче ушул жерде отуруп турайын, - деп болбой койду Нуржамал.

Алмагүл эмне болуп кеткенине көзү жетпей үйүнө кирип ойлонуп отуруп анан өзүн алаксыткысы келип альбомду алып көрүп, улам бир барагын ачып көрүп жатты. Аңгыча инилери келип үчөө тамактанган соң телевизор көрүп отуруп алар уктап калганда кайрадан альбомду карап өзүнүн сүрөттөрүн көрүп, үч-төрт жашындагы апасы менен Гүлсүн экөөнүн өзү менен түшкөн сүрөтүн көпкө карады: "Булар ким болду экен, апамдын курбусу баласы экөө экен, балким алар алыс жактадыр", - деп ойлонуп, уйкусу качып отурганда эшик тыкылдап калды: "Ким келди, апам келди бекен", - деп чыгып:

- Ким? - деди акырын.

- Алмагүл, мен Кубанычмын, ачсаң эшикти.

- Эмнеге үйгө келдиң, эртең сүйлөшчү.

- Жок Алмагүл, менин ички арманымды сен гана уга аласың, мен сага гана айта алам, кудай жалгагыр ачып койчу? - дегенде Алмагүл саамга ойлонуп калды, өзү Кубанычты сүйгөндүктөн ачпай кое албады.

- Кел, эмнени сүйлөшмөксүң? - деп сумсая эшикти ачты.

- Кекетпечи Алмаш, баары бир мен сени сүйөмүн, мен чындыкты уксам деле сенден кечип кете албайм, - деп Кубаныч кызга жалооруй карады, - Кир дечи үйгө.

- Кир.

- Рахмат.

- Бул жакка, акырын инилерим ойгонот, - деп өзүнүн бөлмөсүнө баштап кирди. Дивандын үстүндө ачылып турган альбомдогу сүрөттүн бири Кубанычта дагы бар эле, Жайна Дыйканбай менен Нуржамалга Кубанычтын бар экенин айтканда ала келип берген болчу, сүрөттү көрүп эле:

- Алмагүл, менин унуткус тагдырым силер менен байланыштуусун карачы, мына бул сүрөт менде дагы бар, - деп альбомду колуна алып отуруп Гүлсүндүн сүрөтүнө колун алып барып сылай, - Эх, апам азыр тирүү болгондо эмне? - деп диванга чалкалай көзүнүн жашы куюлуп кетти.

- Кубаныч, бул сенсиңби? - Алмагүл таңгала сурады.

- А сен билбейсиңби?

- Жо-ок.

- Апаң эч нерсе айткан эмеспи?

- Жок, айткан эмес, ал турсун апам альбомду караганын көргөн эмесмин, - деп Алмагүл таңгалып турду.

- Сен экөөбүз кичинебизде бирге чоңоюптурбуз, - деп Кубаныч укканын айтып берди, - Бул сүрөттүн бирин сенин апаң таенемдерге алып барып бериптир.

- Кичинекейимдеги эсимде жок.

- Менин деле...

- Алмаш, апаң качан келет?

- Эмне кыласың?

- Сенин колуңду сурайм.

- Жинди болбочу.

- Чын айтам.

- Аа-а, - Алмагүл көздөрүн бардай кубанычты карады, - А Дамирачы, ал эмне болот?

- Ал эмне болмок эле?

- Ага куда түшкөн турбайсыңарбы?

- Ким айтты? - Кубаныч баятан берки ачуу ызасын унута күлүмсүрөй карады.

- Дамира өзү эле айткан, күздө экөөбүздү үйлөнткөнү жатышат деп.

- Аа-а, анда сен ошого жолуккандан качтыңбы?

- Ооба, бирөөнүн бактысын уурдагым келген жок, - деп Алмагүл айтканда Кубаныч ойлонуп альбомду барактап жатып Жайна менен Гүлсүндүн сүрөттөрүн карап көпкө үн катпады: "Апам экөө жакшы эле курбу экен да, эмнеге анын күйөөсү апамды өлтүрдү экен", - деп ойлонуп жатканда, - Кубаныч, эмнени ойлонуп жатасың? - деди Алмагүл.

- Дамираны, сенин атаңды...

- Эмнеге, Дамира менен менин атамдын кандай катышы бар?

- Адамдар, ал өзүнчө, бул өзүнчө, сен экөөбүз өзүбүзчө бир башкача дүйнөбүз да.

- Түшүнбөдүм.

- Сенин атаң менин апамды өлтүрүп коюптур, эмнеге кандай күнөөсү үчүн, башым жетпейт.

- Жана ошону үчүн кыйкырып келдиң беле?

- Ооба, ойлонуп көрсөм сен деле мендей эчтекени билбейсиң, анан дагы мен сени сүйөм Алмагүл, ошондуктан мен баарын таразалап чечүүнү туура көрдүм, - Жылмая карады, - Биз бей күнөө жаш бала болдук, акыл эсине толгон чоң адамдардын кылгандарын кайдан сезип билмекпиз Алмаш...

А сен билчү белең?

- Жок, бул жөнүндө мага апам эми жооп берет, - деди Алмагүл дагы бир чекитти мелтирей карап, - Эгерде билген болсом эч качан сага жолукпашка кудайдан суранмакмын...

- Тескерисинче, мен сага жолукканыма кубанып жүрөм, билесиңби Алмаш, сенин жаныңда мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем, айланам көзгө комсоо болсо дагы кооз көрүнөт, дүйнөдө сен экөөбүз гана бардай көк мээлжиген ободо учуп жүргөнсүйм, өткөн өч, эскирген кекти дагы сен үчүн кечем.

- Кечир мени Кубаныч, жана апаң жаман абалда калды эле жолуктуңбу?

- Жок, түз эле биякка келе бердим.

- Туура кылбапсың, карыган кишини анча кыйноонун эмне кереги бар, азыр бар дагы көңүлүн тындыр, өзү зорго жүргөн апаңды өлтүрүп аласың, - Алмагүл кабатырлана карады.

- Туура айтасың, анда мен кеттим, түнүң бейпил болсун торгоюм менин, - Кубаныч кызга эңиле калып өпмөк болгондо кыз ойт бере ары боло берди:

- Чай ичесиңби? - Жылмая карады.

- Жарайт, сенин колуңдан чай ичсем арманым жок, - Жооп кыла жылмайып ашкана тарапка Алмагүлдүн артынан басты, - Кана, менин торгоюмдун колунан кандай таттуу чай чыгаар экен?

- Татып көрөсүз да, даамсыз болсо коюп коесуз, - Кыз бырс эте күлүп алды, анан үстөл үстүнө баарын толтуруп чай куюп сунуп, жанараак жасаган тамагын ысытып алдына койду, - Тамагың таттуу болсун.

- Рахмат, - Кубаныч тартынбай жай отуруп ичип анан бата кылды, - Ылайым сүйгөнүңө жетип бактылуу бол!

- Айтканың келсин.

- Мен түбөлүк сенин колуңдан тамак ичип калайын, - деп күлүп койду эле Алмагүл кызарып кетти.

- Келе бер сен үчүн жасаганга даярмын.

- Түнүң бейпил болсун тоту кушум, мен барып апамдын ал-абалын билейин, - деп колун бекем кыса чыга жөнөдү.

- Жакшы эс ал, - деп Алмагүл узатып эшигин илип өзүнчө жүрөгү дүк-дүк этип толкундана алаканын чаап секирип алды, - Уре, мени чын сүйөт экен! - деп анан бөлмөсүнө кирип диванга жатып алып альбомдогу Кубаныч экөөнүн сүрөтүн көпкө карады: "Кызык, биз бирге чоңойгон экенбиз да, апам эмнеге айткан эмес, атам эмнеге апасын өлтүрдү, кандай сыры бар болду экен, сөзсүз апамдан сурашым керек, айтпаса мен такыр жүзүн карабайм", - деп сүрөттү сылагылап жатып уйкуга кирди. Адам жакшы маанайда уктаса түшүнө дагы жакшы нерселер кирээри анык эмеспи, Алмагүл ошол түнү укмуштуудай түш көрдү, түшүндө ак боз атчан жигит келип өзүн өңөрүп алып кайдадыр сызып жөнөйт, бара-бара аттын буттары жерге тийбей эле учуп бараткандай сезилет. Өзүнүн да, жигиттин да үстүндөгү кийими аппак экен, оболоп учуп баратып тээ бийикте жүргөнүн көрүп качан жыгылып кетем деп коркконунан жигитти бекем кучактап алыптыр, алар көктөгү аппак булуттарды аралап баратып ылдый караса өздөрүн көргөн эл кол булгалап суктанып жатышкан экен, ошол кезде эмнегедир ойгонуп кетти, таң атып терезелерден жарык түшүп калган экен, туруп жуунуп келип түшүн эстеп бактылуу жылмайып алды...

Кубаныч түнкү бирден өткөн кезде басып келип Нуржамал жаткан бөлмөнүн эшигин акырын ачып баш бакты, али уктай элек эне дароо эле баш көтөрдү.

- Кубаныч, каралдым келдиңби?

- Ооба апа, уктай элексизби?

- Кайдагы уйку садагаң? - деп эне туруп онтолой отурду да кучагын жайды, - Келчи каралдым, жүрөгүмдү түшүрдүң го?

- Апа, менин сизден башка кимим бар айтчы?! Ошондуктан сиз үчүн келдим, болбосо дүйнө кезип, бетиме масканы кийип, атамды эстеп, ким экенин таап бооруна башымды жөлөп алып бугумду чыгара ички арманымды төксөм, апамды өлтүргөн адамдан өч алып өмүр бою адамдарга ишеничимди жоготуп, бүт ааламдагы эң жырткыч пенде! - деп жар салып бул өмүрдөн өтүп кеткенчекти тагдырыма таарынып айбан кейпин кийип жапайыча жашоого даяр элем!

- Антпе каралдым, менин көргөн күнүм не болот каралдым?

- Ооба апа, ошондуктан келдим апа, мени эки гана адам сактап калды, биринчиси сиз, экинчиси Алмагүл апа, анткени мен бул жашоодо экөөңөргө керек экенмин...

- Каралдым, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген сөз бар, кектебей жүр, апаңды өлтүргөн адам эбак өлгөн садага, жаман ойду ойлобо, келечегиң алдыда, - Эне уулунун башынан сылап, чачынан жыттап алды, - Эс акылыңды жый каралдым, бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас дейт, акыл калчап токтоолук менен чечим чыгарып жүр уулум, атаңды дагы издегендин кереги канча? Анткени ал дагы оорунун азабынан жашында өтүп кеткен экен, аты Бекзат деп Жайна айткан эле...

- Эмнеге?! Неге мага тагдыр ташбоордук кылды, неге бири жок, апам же атам болсо болот эле го? Апа мен чабал экенмин, сүйүүнүн алдында кекти кечип кеттим, сүйүүнүн баарынан күчтүү экенин бүгүн сездим апа, эгерде сиз ошол кызды алба, караба десеңиз айтканыңыз менен болоюн апа, сиз чечиңизчи?! - деп эрээркеп сүйлөп да ыйлап да жатты Кубаныч. Нуржамалдын жанында жаткан Созул эбак ойгонуп баарын угуп жатты, бирок унчукпай жата берди. Анткени алардын сөздөрү анын жүрөгүн оорутуп жиберди, кантсе дагы эне эмеспи?

- Жо-ок уулум, жүрөгүң каалаганды кыл, өзүң гана чеч садага, адам бул өмүрдө бир гана жашап өтөт, ошол аз өмүрдө адам деген атка татыктуу болуп жашашың керек каргам, каргадайым менин, - деп эне көзүнүн жашын сүртүп кайра эңиле уулун өөп койду, - Өз каалаганыңа жеткенге акың бар, эч качан жүрөгүңдүн туюмуна каршы иш кылба, беттегениңден кайтпа, анткени адам күчтүү, акыл жагынан бийик турууң керек уулум.

- Рахмат апа, мен сизди жакшы көрөм, сизсиз менин жашоом караңгы түнгө айланып карайлап калам, сизди капа кылганыма кечир апаке?!

- Кой уулум, кечирим сураба, сен менин өстүргөн дарагымдын мөмөсүсүң, чынарымдын бутагысың, ошол бутактын чынарга айланышын гана тилейм садага, - Эне-бала бир маалга чейин кобурашып дилиндеги суроолорго бири-биринен жооп алгандай болду. Жан дүйнөлөрү эс ала түшүп экөө тең өзүнчө ойго термелип кетишти. Ошол калыбында Кубаныч уктап кетти, Нуржамалда кайдагы уйку, небересинин аман-эсен маңдайына келип, анан дагы көптөн берки айтылбай келген сыр ачыкка чыгып, тагдыр жазмышына баш ийип жаш да болсо чечкиндүүлүк менен туура чечим кылганына ыраазы болуп турду: "Мейли, кичинекей чүрпөм өз каалаганына жетсин, өзү өкүнбөгөндөй, өксүбөгөндөй болсо эле болду, жүрөгү кааласа кудайым кошсун, көңүлүнө кир жолобой ылайым бакыттын төрүндө балкып жүрсүнчү каралдым", - деп ойлонуп отурду. Аңгыча таң да атты, Созул баягы өзү тыңшап жатып уктаган бойдон эми ойгонуп эне-баланын бул турушун көрүп:

- Ээ ботом, бу бала ушу жерде уктадыбы? - деди оозун ача эстеп.

- Ооба, уктап калды.

- Үшүп калбадыбы? - деп жеңесине боору ооруй карады, - Сен өзүң уктаган жоксуңбу?

- Кайдагы уйку, ушунумдун кайрылып келгенине шүгүр...

- Ээ кокуй жеңем ай, минтип жүрсөң бат эле өлөсүң, баланы баладай эле өстүрсөң болбойт беле? - Кейип-кепчип туруп сыртка жөнөдү, Нуржамал үн дебеди, алдында таттуу уйкуда мемиреп жаткан небересин карап ойлуу телмирип отура берди.

Жайна күйөөгө чыкканда курбу-курдаштары келип куттуктап той абдан жакшы өттү, Сабырдын карыган ата-энеси ак жоолугун салып бир үйдүн үчүнчү келини болду. Ушул тушта анын жүрөк тушу зырп этип сайгылашып алды, анткени ал дагы эле Асылга нааразы болчу, жакшы жүрүп, балдары менен өзүн ойлосо өлмөк эмес деп ойлоно берчү: "Эмнеге, эмнеге ушундай болду, биз бири-бирибизди сүйүп жүрчүдө биз ушундай күндө айрылышабыз деп ойлодук беле, сен айтканыңа турбадың Асыл, менин жүрөгүмдү жалынсыз күйгүзүп, ызага батырдың. Мына мен эми башка бирөөнүн никелүү жары болдум, а сен кара топуракты жазданып караңгы жерде түбөлүк жатасың, неге адам болуп жаралган соң адам бойдон өтүүнү оюңа албадың", - деп миң жеринен бычак тийгендей жүрөгү барча-барча тилинип сыздап жатты. Саамга кабагы кирдей түшкөн Жайнаны байкаган Сабыр айланчыктай үйрүлө калды:

- Жайнаш, сага эмне болду, кабагыңды аччы жаным.

- Эч нерсе, кабатыр болбо, мен эчтеке көрө элек беш көкүл кыз эмесмин да, балдарым бар, ошолорду ойлоно берип өзүмдү кыйнап ийдим окшойт, - Жайна заматта жаркылдай жаңы гана түбөлүк жашоого тагдыр жолун кошкон өмүр шеригине күлө карады.

- Балдардан кабатыр болбо, кааласаң алдырып келейин.

- Кереги жок, баары бир алар келбейт, үчөө каргадай болуп үйдө жалгыз отурганын эстеп жаман болуп кеттим.

- Мага чыкканыңа капа эмессиңби?

- Койсоңчу, мен өзүм дагы макул элем го, неге андай деп ойлойсуң?

- Деги да, өкүнүп жатабы деп ойлоп кеттим, - Сабыр имере кучактап алкымынан өөп, бети-башын аймалап киргенде:

- Болду эми, уят эмеспи? - деп наздуу аны боюнан алыстата түрттү, - Биз жалгыз эмеспиз Сабыр?

- Билем-билем, келин боюң кебелбей кербезденип кыздай кылыктанып турсаң сугум ашып чыдай албай кетпедимби, ак чөп башта кечир Жайнаш айым, - Сабыр сыртка чыкты, үч күн өткөн соң төртүнчү күнү ал Сабыр экөө үйүнө келишти, эртеси алар айыл кошунага чай берди, Сабыр бирди союп үйлөнгөнү үчүн чакан той өткөрдү, бул тойдо Созул дагы болду. Жайна аларды сыйлап жакшы жөнөттү. Келген соң Созул:

- Жайна күйөөгө тийиптир, өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген туура да, - деп тамшана сөз кылып отурду.

- Көрө берсин бечара, ал дагы мага окшогон бечара аялдын көз карегиндей караган жалгызы экен, - Нуржамал кайдыгер унчукту.

- Ооба-ооба, жалгыз дегенде жүрөгүм үшүй түшөт жеңе, Эрмек дагы жалгыз болуп калды, силер кете электе эле үйлөнтөт окшойбуз, Кадыр быйыл үйлөнтөм деп жатат го?

- Үйлөнтүп койсун, жашындагысы жакшы.

- Ооба, жалгыздын жалгыздыгы балдары өзүндөй болуп өсүп калса билинбей калат экен, эми кудайым Эрмекке көп бала берсе экен деп тилеп жатабыз, - деп оозун жыйганча эле сырттан Замира жүгүрүп кирди:

- Чоң эне, Дамираны бирөө ала качып кетиптир!

- Эмне дейт кокуй, каякка ким алып кетти?

- Билбейм, азыр эле жолдо бир кыз менен турган.

- Бак айтсын кызым, кыз баланын барган жеринен бак тапсын кызым, - деди Нуржамал.

- Капырай, кандай жерге барат, кандай немелер? - Созул чукчуңдай сыртка жөнөдү, - Энеси кайда жүрөт ботом, ээ Сайра, кайда кетип калдың деги?

- Апа, эмне болуп кетти? - Аркы бөлмөдөн Сайра чыга калды, - Мен шырдакты бүтө коеюн деп жатпадым беле?

- Дамираны бирөөлөр алып кетти дейт.

- Ким, каякка алып кетиптир? - Сайра дагы чоочуй сурады.

- Каяктан билем, сыртка чыкпа дебейт белең, жайсыз жерге барып калса кантет, эне болуп бир кыздарга көз салбайсың да, - Созул келинин каарый кайра ичке кирди, - Эми эки жагыңды жыйыштырып отур, ким болсо дагы киши жиберээр.

- Баары жайында апа, жөн эле ушинте бересиз, андан көрө билсек отургузуп кое электе барып билсек болмок.

- Болду, барган жеринен бак айтсын, - деп койду кайра кайраттуу. Алар ошентип кужу-кыжы болуп жатып канча убакыт өткөнүн сезбей калышты. Бир кезде эки машина ээрчише келип дарбазанын алдына токтоп салабаттуу үч-төрт киши түшүп бери карай басканда Эрмек менен Кубаныч сыртта турган.

Кулдугубуз бар, кызыңар бизге барды, - деп беркилер кол куушуруп калганда алардан улуураагы Кубанычты карап эле делдээ туруп калды.

- Кулдугуңар кудайга, үйдө атасы жок эле айланайын, кыз уурдаган кайдагы немесиңер? - деп Созул жете келди.

- Биз бул эле Күн Тууданбыз эне, кызыңарды биздин бала алып барды, - деди бири эпилдей, анан артына карап Шахзаттын дендароо болуп турганын көрүп: "Буга эмне болду, же кудалар уруп ийет деп коркуп жатабы", - деп ойлонуп ага кайрылды, - Шахзат байке, эмне кылабыз? - деди акырын.

- Ыя? - деп Шахзат уйкудан ойгонгондой селт этти, бирок дале Кубанычтан көзүн албады. Аңгыча кара волгасы менен Кадыр келип: "Булар кимдер болуп кетти", - дегендей түшүп келди.

- Келгиле, эмне жумуш, кимге келдиңер эле? - деп суроо узата аларга кайрылды:

- Кулдугубуз бар куда, кызыңар бизге келин болуп барды, - дегенде башынан токтоо неме апасы менен аялын көздөй басты.

- Булар эмне дейт, кимиси кетип калды? - деди түшүнө бербей, ошол кезде Замира үйгө кирип кеткен эле.

- Дамираны алып кетишиптир, - деди Сайра.

- Ошондой де? - деди да кайра артына кайрылды, - Кулдугуңар кудайга, кыз өз эрки менен бардыбы же зордоп алып кетиштиби?

- Жок-жок, бала менен сүйлөшүп жүргөн экен.

- Кириңиздер үйгө! - дегенде тигилер машинанын ичинен коробкаларды түшүрүп үйдү карай келе жатышты, биринен тай торпок алып түшүп жетелеп келе жатып:

- Муну кайда? - деди.

- Эрмек, ал торпокту сарайга алып бар! - деди Кадыр, - Кубаныч сен коробкаларды кайда коерун көрсөтүп койчу.

- Макул аке, - Кубаныч илбериңки жөнөгөндө Шахзат: "Бул кимдин баласы болду экен, Сагынычка абдан окшош экен да, адамга адам ушунча дагы окшош болот экен да тобо-о", - деп жүктү түшүрүп бүткөндөн кийин үйгө карай басты. Кадыр аларды коноктоп кийит кийгизди, алар акчалай он миң алып келген экен Созул тыбыраңдап бирдеме демек болгондо Кадыр акырын тыйып койду.

- Куда, Сагыныч менин бир тууган инимдин жалгыз баласы, иним жүрөк оорулуу болуп өтүп кеткен, атасы да, бир тууганы да менмин, кызыңызды келиним эмес кызым деп эсептейм, бул куру сөз эмес, баары иш жүзүндө аткарылат, - деди Шахзат, - Өзүмдүн төрт уулум бар, кызым жок.

- Болсун-болсун куда, менде беш кыз, бир уул бар, биз эми бир тууганбыз, жакын адамдарбыз, эки бала эле ынтымактуу болсо биз кайда барат элек? - деди Кадыр дагы сөз кезеги келгенде. Бата кылып сыртка чыгышканда Шахзат Кубанычты көрүп:

- Куда, ыңгайсыз болсо дагы сурайын, тигил бала кимиңиз болот? - деди Кубанычты ээк экчей көрсөтүп.

- Аа-а, ал менин бир тууган тагамдын жээни.

- Ата-энеси барбы?

- Жок, бир жыл мурун тагам өтүп кетти, таенеси экөө биздикине конокко келген, - деди Кадыр.

- Өкүнүчтүү орунсуз суроо бергениме айып этпеңиз, бирок сурагым келип туруп алды, албетте бул жоругум орунсуз дечи...

- Эч нерсе эмес, кыргыз сураша келсе тага-жээн чыгат, деген кеп бар го, тартынбай сурай бер.

- Аты ким?

- Кубаныч, - деди ким жөнүндө сураганын билгендей.

- Кечиресиз, ата-энеси эмне болгон?

- Менин тагамдын жалгыз кызы болгон, мындан он жыл мурун шаардан бирөөлөр өлтүрүп кетти, ушул баласы калыптыр.

- Жаман болгон экен, аты ким эле?

- Гүлсүн, Дыйканбаева Гүлсүн.

- Гүлсүн?! - Шахзат ыргым кетти, ал инисин эстеген сайын, назик арыкчырай сулуу кызды такыр унута алган эмес: "Бечарага кыйын болду, бирөөнүн баласы эмеспи, эмне болду экен", - деп ойлоп жүргөндө: "Ошол кыз бала көтөрүп жүрөт", - деп угуп да калган. Эми ошолордун баарын ойлонуп саамга үн катпай калды да, - Куда, канча киши кууп барат? - деди.

- Аны эми сүйлөшөбүз го?

- Макул, мында биздин дарек, - деп дарек жазылуу кагазды берип машинага отуруп коштошо жөнөп кетишти. Анткени Кубаныч атасына абдан окшош эле: "Мен Сагынычтын бир тууганын таптым, Бекзатым өлбөптүр, артында ушундай уулдары калганы кандай бакыт, өзү да, боюу да Бекзаттын өзү экен, мен аны бул бойдон калтырбайм, агасына тааныштырамын", - деп ойлуу кетип жатканда жанында отурган күйөө баласы Аргын:

- Аке сизге бирдеме болдубу? - деп калды.

- Эчтеке, - деп койду Шахзат, ата-энеси эки уулуна ат койгондо жакшы тилек менен Шахзат, Бекзат деп койгон эле, бирок алар капысынан жол кырсыгынан каза болуп калышкан. Бир кыз эки уулу жаштайында жетим калып эптеп чоңоюшту, Канайым экөөнүн ортосундагы кыз.

Шахзат кудалардын абдан жакшы тосуп алып сыйлап, калыңды да жакшы берип жөнөттү да эртеси эле карындашы менен аялына, Сагынычка айтып кеңешишти. Ары кетип бери кетип бир сөзгө келип анан Кубанычка бармак болуп камынып жатышты. Сагыныч Кубанычтан төрт жаштай улуу.

Кубаныч Жайнага тартынбай эле кирмек болуп жатканда Нуржамал ооруп калып түндөсү Жайнаны Кадыр чакырып келди, тамырын кармап көрүп анан бүшүркөй карап:

- Сиз Гүлсүндүн апасы эмессизби? - деди.

- Ооба кагылайын, өзүң ким элең?

- Мен Жайнамын, кечириңиз эне, тиричиликтен чыга албай катышпай да калдым, Кубаныч чоңоюп калдыбы?

- Шүгүр кызым, Кубаныч жигит болуп калды.

- Жакшы экен, эмесе сизди ооруканага жаткырып өзүм карайм, - деди Жайна.

- Кой айланайын, карылыктыкы эле, үйүмө жетип уулумду үйлөнтүп алсам болду, - Нуржамал онтолой жооп кайтарды, - Эми мени дарылап кайра жашармак белем?

- Кой эне, жок дегенде баскан турганыңызга жакшы, Кубаныч үйлөнөм деп жатабы? - Жайна жылмая сурады.

- Мен үйлөнтөйүн деп жатам, кокус көзүм өтүп кетсе уулум карайлап жалгыз калбасын, анан дагы жашка тойбогон пендемин да-а, - Нуржамал энтиге үшкүрүп ийди, - Ушунун бир баласын колума алып, моокумум кана жыттап алсам арманым жок эле...

- Эне, андай дебеңиз, сиз Кубанычтын көп баласын көрөсүз, бир аз эле кыйналып калыпсыз, сиздин жашыңызда адам өтө назик болуп калат, тамак-аш жакпай бирде ич өткөрөт, бирде оорутуп салмактанып каласыз, сиздин ден-соолугуңуз абдан жакшы, он чакты күн жакшы укол дарыдан алып алсаңыз тим эле жүгүрөсүз, - деди Жайна күлүмсүрөй, - Сиз Кубанычка арка-жөлөксүз да, карманыңыз.

- Мейли кагылайын, - деп Нуржамал баш ийкеди, - Мени ооруканаңа сүйрөбөй эле ушул жерден үкөлдөп бербейсиңби?

- Ма-акул эне, буйруса эртең сизди өзүмдүн эле үйүмө алып кетем, мага да өзүмдүн энемдейсиз, өзүм дарылайм ээ? - деп анан үйүнө кетти. Айткандай эле эртеси өзү келип Кубаныч менен учурашып Нуржамал экөөнү болбой жатып алып кетип он күндөй дарылады. Анан эле бир сыйрадан кийит кийгизди да узатып койду. Арадан он-он беш күндөй өткөндө Шахзат Сагынычты ээрчитип, аялы Кундуз менен Канайымды алып келип калды. Бир тууганы барын, ага-тууганы издеп келгенин көрүп Кубанычтын кубанганында чек жок. Нуржамал эне да сүйүнүп жатты, өлсөм ага-тууганы, арка-жөлөгү жок эмне болот деп санаа тарткан эненин көңүлү тына түштү. Ошондон дагы бир айдай өтүп, күркүрөгөн күз келип молчулук, токчулук элдин маанайын көтөрүп турган кезде Кубаныч Алмагүлдү ала качып алды. Шаан-шөкөтүн жасап бүткөн соң Нуржамал эне жек-жаатын чакырып той берди, тойдо Кадыр уулу Эрмек менен, Сагыныч келинчеги Дамира менен чогуу болушту. Ушул кезде Дамира Алмагүлдүн жүзүн кароодон уялып жүрдү, акыры ал абысынан кечирим сурап анан эс алды. Жайна той өткөндөн кийин кызына учурашканы келгенде күлүп сүрөттөрдү карап отурду: "Кызык, буйрукка арга жок тура, мен Алмагүл менен Кубанычты ээрчитип эгиздей багып жүргөндө мындай болот деп ойлобопмун", - деп күлдү. Сабыр экөө сый көрүп анан үйүнө жөнөштү...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз