Айгүл ШАРШЕН


"Талант тагдыры"


"Кайдадыр алып кетти жаштыгымды, жер чийген чачтарыңа байлагандай", - деп кайран агабыз Асанкалый Керимбаевдин өлө элек кезиндеги өзүнүн сыздап ырдаган ыры жаңырып жатты... Бул ырды баштан аяк угуп отурган адамдын сай-сөөгү сыздап, жүрөгү ооруп чыгаары аштан бышык. Анткени балалыктын жаркылдаган элестери, өмүрдүн гүлгүн курагы жана элирген эселек жаштыктын эстен кеткис рахаттуу күндөрү менен жалындаган жаш жүрөккө сүйүү алып келген алтын курак, ушунун баарын кайдадыр алып кеткен мезгил. Ал эми ырда жалгыз гана сүйүүнүн символу катары Асанкалый агабыз жүрөгүндө өчпөс болуп калган сүйүүсүн айтып зар какшаган. Ушул ыр негедир мени көп ойго салып, анткени бала кезде мен дагы кош өрүм чачымды артка таштап алып сени жал-жал карап: "Мени көрүп жатабы", - дегендей жаш жүрөгүмдүн каалоосу жалгыз сенин көз карашыңда жаткандай болоор элем. Аттиң бала экенмин да-а, болбосо турмушта: "Жеткен бар, жетпеген бар тилегине, өмүрлөр өтөөр кетээр бир дүнүйө, эгерде көңүл калуу барын билсем, кылчайып карабас элем бир өзүңө", - деп, өмүр бою бир адамдын элесин жүрөгүмө катып өтпөс элем. Бирок сени сүйүп өтөөрүм менин чыныгы тагдырым болду. Жүрөгүмдөгү арзуудан бүткөн арманымды жалгыз гана ушул шурудай тизилген жазууларымдын арасына кошом, ушуну менен бар арманымды сага жеткиргим келет, сенин жүрөгүңө жетсе дейм... Балалыкты артка таштап, саамайымды ак аралап, жүрөгүмдө өткөн күндөн гана бир элес жылт этип асмандагы жылдыз сымал алыстан гана жылт-жулт этет. Өткөнгө шүгүр кылып жашоо ар бир адамдын парзы эмеспи, бала-чакалуу болуп кыздарым өзүмдөй болуп калган кез, ал турсун неберем бойго жетип баратат, бирок жүрөк кургурдун эңсөөсү басылбай балалыкка бир кайрылып барууну дегдейт, өзүңдү өзүм көргөн боз бала бойдон көргүм келет, балалыктын аруу-таза, эң пакиза айылына сүңгүп кирип сенин көздөрүңө тике карап туруп: "Сени издеп кайрылып келдим, сен мени жок эле дегенде бир эле жолу эстедиңби?", - деп көз ирмемчелик мүнөттө сурагым келет. Жан дүйнөмдүн жарымын, жүрөгүмдүн жана баарын алдын ала сезип турчу сезимимди бүт ээлеп, кырк жылдар бою жаныма тынчтык бербей келе жаткан адам бактылуу экенин көргүм келет, балким...

Ооба, сен мени эстебейсиң, билем аны, анткени сен эмес балапан балалык жан дүйнөм сени чексиз сүйгөн экен, сен үчүн ырларды жазам, ар бир таңым сени эстеп атат, неге?! Аны өзүм дагы билбейм, сүйүү ушунчалык болоорун сезбепмин, менчелик сүйүү деп бүт өмүрүн бир адамдын элесин жүрөгүнө катып, атын жарым мүнөт көңүлүнөн чыгара албай кылт этсе: "Төлө кандайсың", - деп жашаган аял аттуу бар бекен? Өзүм дагы түшүнбөйм, сен жөнүндө гана жазып, сен деп жашагым келет. А сени көрдүм, көргөндө дагы өзүңө окшош балаңды, боз уланды ээрчитип жанымдан өтүп кеттиң, мен сенин бактылуу жүзүңдү көрдүм. Бирок сен өзүңдү сүйүп, сен деп гана жашаган бир аялдын жашап жатканын сезбейсиң, пенде катары өз тиричилигим менен тирүүлүктүн машакатында өмүр өтөп келесиң, мен сезип турам сенин бей капар экениңди. Балким кээде эстээрсиң кичинекей кара кыздын сени сүйүп төрт сап сөз жазганын, ооба мен ал кезде акыл токтото элек секелек элем, ошол ар бир көз ирмем менин жадымдан чыкпайт, алыска көз жиберип сенин бае көз карашыңды көрөм, мектептеги кайрылгыс күндөрдү эстеп өзүмчө жылмайып алам. Ошол менин бактылуу кезим гана менин эсимде калды. Билесиңби, мен сени дагы көрдүм, базарда колуңа баштык алып жүрүпсүң, мен ток ургандай сени көрүп кадамым жайлап артыңдан бара жаттым, а сен билген жоксуң, көп элдин ичинде кайдан сезмек элең, ошол кезде таанышым учурап калып сенден адашып калдым, аттиң бир аз болгондо сага жетип жок дегенде учурашмакмын, тээ качанкы бала кездеги бае көз карашыңды, арамдыкты билбеген таза дилиңдеги адамдыкты көргүм келген: "Сен али жашсың, окушуң керек, сүйүүнү сен азыр түшүнбөйсүң, жакшылап оку", - деген сенин мага жазган катың алиге көз алдымда. Кыязы сен жөнүндө жазып түгөтө албайм го, анткени сен менин бул дүйнөгө жаралгандагы бактым да, арманым да, кубаныч кайгым да өзүңсүң!

Жылдар агылып агын суудай кайдадыр жылып өтө берет экен, биз кайдан келдик, кайда барабыз аны билбейбиз, адамдар кайра жаралып жаңыланат, кези келгенде сен экөөбүз дагы бул жарыктан кетебиз, бирок өкүнүчтүү, бири-бирибиздин акыркы мүнөттөрүбүзгө эч качан күбө боло албайбыз, бири-бирибиз үчүн көз жаш төгө албайбыз, тирүүбүздө эки жакта кабарсыз жашагандай эле кабарсыз кала беребиз, аттиң арман!

- Арман ай! - деп алды Алия улутуна күзгүнүн алдында отуруп, - Кызык болду ээ? - Өзүнчө сүйлөнүп чачтарын салаалады.

- Ой болбойсуңбу, күтүп калышты, - деп Бермет кирди ошол учурда, - Алия, Турсунбек агай сени күтүп жатат.

- Күтө берсин, - деп койду Алия кенебей.

- Бу эмне дегениң, сен өзү эмне дегениңди түшүнүп жатасыңбы?

- Түшүнөм, - Алия кашын серпий Берметтти карады, - Баары даяр болуп калдыбы?

- Ооба, сени эле күтүп калышты, - Бермет күйпөлөктөп ийди, - Сенин мындай текеберчилигиң болбойт, жинине тийсең башка актрисаны ордуңа алып алат.

- Ала берсин.

- Эмнеге, көңүлүң келбей калдыбы?

- Жо-ок, бирок ал андай кыла албайт.

- Ошончо эле ишенимдүүсүңбү?

- Албетте.

- Кызык, - Бермет саамга ойлуу курбусун карап калды, анын сулуулугуна суктанып алды, Алияда табигат тартуулаган анык сулуулук бар эле, болгону ал өтө текебер болчу, кыялы чорт, мүнөзү өтө эле жеңил, кыялкеч, - Жүрү эми, тезирээк баралы.


- Болуптур, - деп улутуна ордунан турду, - Барса баралы, - Алия курбусуна карап жылмая эшикти көздөй басты, - Сен менин ал ролду жеткире ала турганыма көзүң жетеби?

- Сөзсүз, сен аткара аласың.

- Бермет, балким сен алаарсың бул ролду.

- Эмнеге, а сенчи? - Бермет курбусун таңгала карады.

- Менин жүрөгүм абдан үшүгөн Бермет, берилип аткара алаарыма көзүм жетпейт, анын үстүнө Мурат менен сүйүшүп, кучакташкан жерде мен аны кантип кучактайм айтчы? - Алия токтой калды, - Мен Муратты жактырбайм да?

- Ал деген роль да, сенин өз максатың, каалаган ой тилегиң актрисалык эмеспи, балким ушул роль менен сенин атың да чыгып кетет, атактуу болуп каалаган максатың орундалат.

- Балким, бирок Мураттан башка болсо болмок.

- Койчу, биз режиссер эмес аткаруучубуз, анын айтканындай гана болууга тийишпиз.

- Аның туура, - деди ойлуу Алия, алар машинага жетээрде алдынан Анвар чыга калды, - Во, менин кусум, - деп Алия Берметке шыбырай жылмайып алды.

- Жөн эми, - Кыздар бири-бирин нукуй басып келе жатышты.

- Кандайсыңар кыздар? - Анвар кыздарга жете келип колун узатты, - Кайдан бу булуттан чыккан айга окшоп?

- Жүрөбүз, өзүң кандай? - деп Алия көздөрүн ойноктото карап калды, - Кайдан?

- Сендей чүрөктү издеп "тияктан" көрүнбөй калдың.

- Биз... - Бермет сүйлөмөк болгондо Алия аны тыйды.

- Биздин зарыл жумушубуз бар эле Анвар, мүмкүн болсо биз кетели, - деп Анварга кайрылды Алия.

- Эмнеге шаштың сулуум, эми эле көрүштүк го, баягыдай эле каалаган жериңе алып барайын, бирдеме ичээрбиз, - деп Анвар кымыңдай кызды кытмыр көз караш менен карады, - Кана кеттик.

- Жок Анвар, бизди туура түшүн, мен ал жолдон кеткемин, эми өз бактымды башка жактан издеп жатам, билесиң да мен аргасыздан ошол "ишке" кабылып калгамын...

- Эмне деп жатасың Алия? - Бермет аны таңгала карады, анткени ал Алиянын өткөн өмүрүн билчү эмес, шаарга келгенде таанышып калып ынак курбулардан болуп жүрүп арадан эки жылдай көрүшпөй жүрүп анан кайра жолугушкан, бир киного кастинг болуп калып Алияны ээрчитип экөө барып ошондо алар кастингден өтүп кеткен, бир киного тартылган соң кийин Алиянын өң-түсүнө карап экинчи киного чакырып съемкага барып жаткан эле, - Бас кеттик, - Бермет аны колдон алды, - Бол, Турсунбек агай күтүп калды, съемкадан кечигебиз.

- Эмне, эмне? - Анвар аларды түшүнө бербей карады.

- Мен киного тартылып жатам.

- Чын элеби? - Ишене бербей сурады.

- Мен сага далилдеп отура албайм, биз кетишибиз керек, - деп Алия өздөрүн күтүп турган машинага карай ылдамдай басып баратты:

- Алия, мен сага кечинде телефон чалам! - деп кыйкырып кала берди Анвар.

Алар съемка жүрүп жаткан жерге жетип унаадан түшүшкөндө тынчы кетип турган Турсунбек аларды көздөй ачуулуу келе жатты:

- Бул эмне деген кайдыргерлик, канча адам силерди күтүп жатат, жоопкерчилик деген кайда?

- Агай кечиресиз, - деп күнөөлүүдөй жер карады Бермет.

- Мени кечириңиз, - Алия ушинтти да Берметке карап, - Мен бул ролду аткара албаймбы деп турам, - деди.

- Эмнеге, сага роль жакпай калдыбы?

- Роль жагат дечи...

- Агай Алия Мурат менен аткаргысы келбейт, - деди Бермет.

- Эмнеге? - Турсунбек Алияны бир карап алды да кайра ары жакта сүйлөшүп турган Муратка көз жиберди, - Эмнеге аны менен аткаргың келбейт.

- Жөн эле, мен аны аткара албайм.

- Та-ак, - Турсунбек ээгин колдору менен сыйпалай ойлуу аркы терки басты, - Анан эмне кылсам дейсиң?

- Мүмкүн болсо ордума башканы ала берсеңиз...

- Жок-жок, ал мүмкүн эмес, баары даяр, иш башталып калды, токтотуп кайрадан издегенге убакыт жок, - деп Турсунбектин ачуусу келгенинен кара көк болуп чыкты, - Давай баштайбыз, даярдангыла! - деди да ары көздөй басты.

- Агай Бермет аткарсачы? - деп Алия анын артынан үн катты.

- Сен жинди болдуңбу? - Бермет ага чурчуңдай карады.

- Чындап эле менин көңүлүм жок.

- Баары бир, мен сенин ролуңду талашкым келбейт, анын үстүнө мен сенчелик сулуу эмесмин.

- Койсоңчу, сен деле татынакайсың.

- Татынакай менен сулуулуктун айрымасы бар да, - Экөө ушинтип чукулдашып жатканда Турсунбек Мураттардын жанына келди, Мурат улам Алиялар жакты карап коюп турду, ал ушул киного тартыла турганына абдан бактылуу болчу, анткени ал Алияны көргөн эле күнү сүйүп калган, бирок ага Алия кандай дейт табышмак бойдон эле, эгерде мурда Алиянын кандай жүргөнүн укса кандай болоору белгисиз, Алия дагы дал ошондон качып жаткан. Көптү көргөн кыз Мураттын өзүнө жасаган мамилесинен эле баарын сезип өзүн андан алыс кармоого тырышып жаткан.

- Кана балдар баштадык, - Турсунбек баарын даярдыгына карап сүйлөдү, - Мурат, Алия ордуңарга келгиле, кана болгула батыраак.

- Кеттик, - деди оператор, Мурат менен Алия бет маңдай бири-бирин тиктеше колдорун кармашып улам жакындап сүйлөшүп жатышты: (ролду Гүлзар менен Айдар).

- Гүлзар, мен сенсиз жашай албайм, - деп Мурат дал жүрөгүнөн чыккан сезимин билгизип жатты, - Сенсиз мен бул дүйнөдө жападан жалгызмын, - Колун кыздын белине алып барды, бир колу менен көкүлүнөн сылап көздөрүнөн сүйдү, - Жаным, эркем менин.

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм, биздин өмүр жолдорубуз бөлүнүүгө тийиш эмес, биз дайыма бирге болобуз ээ? - Кыз жигиттин төшүнө башын жөлөдү, - Сенден эч качан бөлүнгүм келбейт Айдар.

- Азаматтар десе! - Турсунбек кол чаап жиберди, - Кандай ажайып сөздөр, эң сонун аткардыңар, табылбас талантсыңар, карачы кандай сонун келиштирдиңер, эң башкысы өзүңөр дагы бири-бириңерге төп келип көрүүчүлөрдүн купулуна толуп эң сонун образ жарата аласыңар! - дегенде бири-бирин тиктешкен Мурат менен Алия тура беришти, карап тургандар дагы унчукпай карап турушту. Ал күнү кино съемка эки-үч саатка бир жерден тартышты, кечке маал чогуу тамактанышты да үй-үйлөрүнө тарашты, Алия менен Бермет автобуска түшчү аялдамага келип күтүп калышканда Мурат алардын жанына жете келди:

- Алия, мен жеткирип коеюн.

- Кереги жок, өзүбүз эле кетебиз.

- Суранам, жок дебе, менин машинам тигинде турат.

- Алия, жүрү кете берели, эмнеси бар экен, Мурат байке жеткирип кайтат да, - деди Бермет.

- Макул, - Алия кербездене басып унаага жетип Мурат ачып турган алдыңкы орунга отурду, - Кеттикпи?

- Кеттик сулуулар, - Мурат айдап жөнөдү, алар батирине келгенден кийин:

- Сизге рахмат, - деп жылмайды Алия.

- Рахмат, - Бермет аны коштой шакылдады.

- Эчтеке эмес, - Мурат жылмая карап кыңырыла бир азга турду да, - Жок дегенде үйгө кирип даам ооз тий дебедиңер го кыздар, - деп койду акырын.

- Аа-а кечириңиз, - Бермет оозун баса күлүп уялгандай кайсалаңдай Алияга кайрылды, - Унутуп калганыбызды кара, кириңиз үйгө.

- Алия жооп берсе гана.

- Кириңиз, кириңиз эми, - Алия дагы күлүп калды, үчөө ээрчише ичкери кирип келишти, кыздардын бөлмөсүнүн тыкан, таза экенин байкап Мурат өйдө өтүп туруп калды, ошол убакта Алиянын кол телефону чырылдап калды, ал ашкана бөлмөнү көздөй тез-тез басып чыгып баратып:

- Анвар, менин тынчымды алба, азыр мен бош эмесмин, - деп күңкүлдөп угузбаганга аракет кылганы менен ачуусу келип жинденип кирди, - Унут мени, сен эми мени мазактай албайсың, эми мен башкамын билдиңби?! - деди да үнсүз дубалга жөлөнүп туруп калды. Анвар өзү милицияда иштейт, сойкуларга "налог" салып мамашалары менен сүйлөшүп ишти бүтүрүп чөнтөгүн кампайтып кайтчу бир күнү ага Алияны сунуш кылган эле. Үй-бүлөөсү бар, эки уул бир кызы бар, аялы адвокат болуп иштеп жүрүп баласын карап үйдө болуп калган. Алияны көрүп жактырып калып кийин дагы үч-төрт жолу барган, Алия бир жыл иштеди, бирок ата-энеси, бир туугандарынан коркуп Берметке жолуккан соң барбай калган. Мамашасы Индира телефондон коркутуп, карызы жок болсо дагы карызыңды төлө деп чалып жатып тим болгон.

- Алия, - деп ойлонуп турган анын жанына Бермет кирди, - Эмне болду, Мурат байке кетем дейт, нан ооз тийгизели.

- Сен алып барчы...

- Макул, - Бермет унчукпай нан алып бөлмөгө кирди, Мурат ойлуу Берметке карай:

- Алияга менин келгеним жакпай калды го? - деди.

- Жок-жок, андай деле эмес, телефондон көңүлүн түшүрдү окшойт.

- Ким экен?

- Билбейм.

- Бермет айтчы, Алия мурда каерде иштеген?

- Мен анын кайда иштегенин билбейм, бирок ал жакшы кыз.

- Жакшы кыз экенин көрүп турам, бирок анын көздөрүндө бир сыр бардай...

- Эмне сыр болмок эле, балким көптөн бери ата-энесине бара албай жүргөнгө кыйналып жүргөн чыгар.

- Бермет, мен Алияны көргөндөн баштап эле жактырып калдым, - деп Берметке сырдуу карады Мурат. Ал үндөбөдү, алардын сөзүн угуп отурган Алия көзүнүн жашын төгүп өткөнүн ойлонуп: "Менин эми эч кимге керегим жок, ата-энемдин, бир туугандарымдын жүзүнө карай албайм, өзүмдү ылай-баткак кечкен ыплас адамдай сезип, адамдардын арасында жийиркеничтүү адамдай карайм, дилим агармайын, максатыма жетип адал тамак тапмайын өзүмдөн-өзүм жийиркенем", - деп ой аралына сүңгүп кетти...

Алиянын апасы эки жашында өлүп калып атасы Зуураны алгандан кийин өзү иштеп калган, эң кичүүсү болгондуктан башкалары окууга кетип Зууранын жанында калчу. Зуура өтө заардуу аял, ал Алияны бармактай кезинен эле жек көрүп, кийими булганым калса, шымын булгаса чучуктай чыңыртып ура берчү эле. Бир күнү дагы шымын чечип алып шапалактап жатканда Беккул кирип келди.

- Ой эмнеге уруп жатасың аны?

- Чычып-сийип жанды койбойт го мунуң, керээлден кечке эле бок сийдиктен колум жооруй турган болду, - деп силкинген Зуураны акшыя бир караган Беккул.

- Бала эмеспи, азыр эчтекени түшүнө элек да, - деп нааразы боло оор үшкүрүнө отуруп калды.

- Андай болсо катын албай эле чоңойто бербейт белең? - деп Зуура чыгып баратканда биринчи класста окуган Мирбек кирип келе жатканда ага акшыя карады, - Тартчы мурдуңду, тегеле балит экенсиңер, тажадым ушу силерден, бияктан жууган кийимди бияктан кирдетип турушат, - деп сүйлөнүп чыгып кетти.

- Ата, эртең агай акча алып кел деди, - Санаасы жок Мирбек мурдун шор тарта атасынын жанына отуруп калды.

- Акчаны эмнеге алып кел дейт?

- Классты ремонттойт экен.

- Канча сом?

- Элүү...

- Берем балам, кийимиңди котор, - деди Беккул чарчагандай, - Эжең кайда жүрөт?

- Таку эжем мектепте.

- Мейли кийимиңди чеч.

- Жанагы кызың болсо мени тоготуп да койбойт, - деп Зуура кайра кирди, - Мектептен келип эле кайра кетет, аякта кандай жумушу бар деги?

- Сабактан жакшы окуйт, классында президент экен, барса барат да, тим кой.

- Ошентип энеси жок ээнбаш кылып ал, ансыз дагы эч кимди тоготпойт, - деп алкылдаган Зуура казан аягын калдыратып кирди, ушуларды көз алдынан өткөрүп отурган Алиянын оюн Берметтин үнү бузуп ийди:

- Алия келбейсиңби?

- Азыр, - Тура калып ашканадан чыга келди, - Чай коелубу?

- Жок Алия, мен кетейин, менин келгеним жакпай калды го?

- Андай эмес, отуруп чай ичиңиз.

- Алия эми биз шериктешпиз, бирге роль жаратабыз, бул роль экөөбүздү өтө жакындатып, бири-бирибизди жакындан билүүгө жардам берет, өнөктөштүк балким бизге жакшы таасир калтыраар деп ойлойм, - деп Мурат Алияга карады.

- Аны көрө жатаарбыз, - деп койду Алия, ушул учурда анын көз алдына акыркы өгөй энесинин кууп чыккан күнү тартылды: "Эгерде өз апам тирүү болгондо өзүм каалаган адамга аппак бойдон бармакмын", - деп Мураттын сөздөрү кулагына кирбей отура берди. Ошол күнү ал классташы Айдар менен короонун эшигинде сүйлөшүп турган, Зуура заарын чача чыга калып: "Өлүгүңдү көрөйүн шуркуя десе, элге шерменде кылып бүттүң го, качан үйгө балдарды келтиргенди токтотосуң ыя, бул кебетең менен тууп кетесиң го, элдин бетин карайбызбы деги?", - деп алкынып кирди. Улуу эжелери менен эки агасы өз алдынча кетип Алия гана калган, Беккул эки-үч жылдан бери ооруп төшөктө жаткан эле, Алия окууга бара албай үйдө жүргөн. Айдар көптөн бери Алияга сүйүүсүн айтып үйлөнүүнү сунуш кылып жүргөн. Зууранын сөзүнөн кийин ага: "Алия, сен эмне көп балдар менен сүйлөшөсүңбү?", - деди Айдар. Ал айта берет, өгөй эне кайсы жакшылык кааламак эле", - деди Алия: "Кантип эле чоң аял калп айтсын, сага балдар көп келбесе минтип айтпайт эле", - деди да Айдар басып кетти, Алия бозоруп ыза болгон бойдон үйгө кирип Зуура менен айтышып кетти. Ушул ирээт ал тилин тартпады. Жигитинин кайрылбас болуп кеткенин сезгендей өчөшө быдылдап жатты. Ошондо Зуура аны үйүнөн кууп чыкты: "Өлүгүңдү көрөйүн шерменде, ушул үйдө сен же мен тура турган болоюн, кайрылып келсең мен кетемин, өлөсөлүү атаңды өзүң багып ал", - деп бакырып колундагы шыпыргы менен кубалап дарбазадан чыгарып ичинен илип алды. Босогодо боздоп ыйлап туруп анан курбусу Заринанын үйүнө барды да эртеси анын жардамы менен шаарга баса берди...

- Алия, сен эмне болуп турасың? - деп Бермет анын тике маңдайына келип көз жашын колу менен аарчып киргенде гана эсине келген Алия ыйлап жатканын көрүп чоочуп карай койсо Мурат жок.

- Бермет, мага эмне болду, Мурат кана?

- Ал кетти, сен өзүң менен өзүң болуп ыйлап жатсаң кетет да, болду ыйлабачы, жанагы Анвар дегениң кайдан дагы жолуга калды эле? - деп Бермет чебелектеп жашып аарчып сооротуп жатты. Ошондо дагы Алия ага ички сырын, жан жарасын айтпады, үнсүз гана соолуктап Берметтин көкүрөгүнө башын жөлөй солкулдап жатты.

- Бермет, мен аябай чарчадым, эчтеке сурабачы менден, кудай жалгагыр сурай көрбө?!

- Болуптур эми, эчтеке сурабайм, ыйлабачы бай болгур, эс алалы, эртең кайрадан съемка, буйруса он-он беш күндө бүтүп калабыз, анан сени эл көрүп алсын, кээ бирөөлөр кайдагы бир немелерди акчасы барына карап эле тартып жатышпайбы, сен керек болсо кино жылдыз болосуң, театрдын жүзү болосуң курбум, ойго алдырбачы, сенин башыңдан кандай нерсе өткөнүн билбейм го,бирок сенин атактуу актриса болооруңду сезип турам.

- Сага рахмат курбум, менин көңүлүмдү көтөрүп, жаралуу жан дүйнөмө жылуулук тартуулап турасың, - Алия улутуна улам алкымы жашка мууна калып айтты муну, - Менин апам өгөй Бермет.

- Капаланбачы эми, кайгыңды өзүңдөн алыс кубалап алдыда боло турган жакшылыгыңды ойло, келечекке түз карап, өзүңдү эркин сез, - деп Бермет курбусун бетинен өөп койду.

- Мен атамды сагындым, эки жылдан бери кабар ала албай жүрөм, - деп Алия болгонун айтып берди, - Эми менин актриса болгонумду көргөн, мени тааныгандар эмне дешет?

- Сен башыңды өйдө көтөр, өз эркиң менен ал жолду тандабаган соң сенде айып жок курбум, өткөндү унут, жакшы ойлорду ойло.

- Мураттын көз карашынан корком, эгерде ал мага сөз айтса эмне дейм, менин күнүм бүткөн, сага тең эмесмин деп айтамбы, же мен сойку болгомун деймби, айтчы Бермет? - Алия курбусун жашы жүзүн жууй карады, - Кантем айтчы өзүң Бермет?

- Сен ага ачык айт, сендей сулуу кыздар сөзсүз элдин гана көз алдында болуусу керек, жалаң эле эркектердин көз кырында болбой уктуңбу? - Бермет анын көз жашын аарчып тигиле карады, - Кайран өң келбетиңди кор кылбай сахнанын, театрдын жүзү болууга тийишсиң!

- Рахмат курбум, ошол кезде сага сырымды айтпай кетип калганымды кара билсең ошондо жанымда жарым тыйын акчам жок болчу, радиоузелден кыздарга жумуш берилет деп калды, беш-алты кыз бир келинди ээрчип бардык, ошондон экөөбүз гана калып калганы кетип калган, - деп Алия башынан өткөнүн үзүп-үзүп айтып берип отурду, - Ар бир кардарга барып келгенден кийин өлгүм келчү, бирок жан таттуу экен, өзүмдү өлтүрө да албадым, эми кетем деп колума акча топтоп алсам эле "Мамаша" сенин карызың көп деп менин акчамды алып коет, шылтоосу көп, кардарды өзү табат да ой боюма койбой салып берет, акыры алты айдан кийин боюма болуп калды...

Алиянын боюна болуп калганын билген Индира анын боюнан алдырмак болуп үйүнө акушерка чакырды, аны байкаган Алия качып кетип калды, ошондо аны издетип Анварга айтып, тынбай телефон чалып тажатканда ал номерди которуп алды. Батир жалдап жашап жатканда анын агасы шаарга келип көрүп калып үйүнө алып кетти, анткени алар шаардын четиндеги айылдардын биринде үй алып жашап жатышкан, бала-чакалуу эле. Аерде жеңесине кол кабыш кылып базарда соода кылып жүрүп ичи билингенде жеңесине ачык айтып эптеп ичин таңып жүрүп төрөдү да жеңеси бирөөгө берип ийди. Агасы эчтеке билген жок... Мелтиреп бир жерди теше тиктеп отуруп калды: "Балам кандай адамдын колунда болду экен, кандай болуп калды, сүйлөп калгандыр, кечээ анын туулган күнү эле, басып калды бекен", - деп телмирип орун салып койгон Берметти байкаган жок.

- Кел эми жатып эс алалы, эртең эрте чыгабыз.

- Жарайт, жатса жаталы досум, - Алия туруп кийимин чечинип түнкү көйнөгүн кийинди да жатып калды. Эртеси экөө тең уктап калган экен шашыла туруп жуунуп, жасанып түзөнүп алып жөнөштү, алар келгенде баары чогулуп күтүп калышкан экен.

- Оо келди, мына-мына, - деп жиберди Турсунбек. Ал күнү дагы керээли кечке тартылып кеч кайтышты, бул жолу Мурат аларды өз машинасына салып алып кафеге алып кирди, үчөө сүйлөшүп отуруп тамактанып анан үйүнө алып келип унаадан түшүп бараткан Алияны колунан тартып отургузуп койду:

- Бир мүнөткө Алия...

- Абдан чарчадым, эс алуум керек.

- Тескерисинче, мен сени менен керээлден кечке бирге болгонума кубанычтамын, - Мурат күлө карады, - Ошол ойногон ролдогудай жашообузда бирге болсок деген элем.

- Мурат сен эмне деп жатасың?

- Чын дилимден, жүрөгүм каалаганды айтып жатам.

- Оюн кылба Мурат, эч качан жашоодо андай болбойт!

- Алия, мен сени сүйөм!

- Сенин сүйүүңдүн кереги жок.

- Койчу Алия, сени бир көргөндөн баштап тынчым кетти, уйку жок, мурда кайда жүргөнүңдү билбейм, бирок менин көзүмө сен периште болуп көрүнүп, жашоомо бакыт алып келгендей болдуң.

- Мурат, мен мындай кооз сөздөрдү уккум келбейт, - Алия унаанын эшигин ачып кетип калмак болду, бирок Мурат кое бербеди.

- Мен сени сүйөм Алия, кино бүтөөрү менен сага үйлөнөм! - деди да колун кое берди, Алия шарт эшикти ачып жүгүрүп кирип кетти, Мурат анын артынан карап туруп ийин кага оор жүктөн кутулгандай дем алып алды: "Тай туйлап такка конобу", - дегендей кайда барат элең, акыры меники болосуң, турмуштун татаал дагы, катаал дагы жолун экөөбүз бирге басып өтөбүз Алия, сен азыр тоготпосоң мейли, ички оюмду, жүрөк каалоосун, сүйөөрүмдү айттым, ойлоноорсуң акыры, мен деле элден кем эмес жигитмин", - деп ойлоп алып унаасын ордунан жылдырды.

Алия киргенде Бермет ойлонуп отурган эле, ал жакында эле жигити менен таарынышып кеткен, аны өзү катуу сүйөөрүн сезип кусаланып жүргөн, бирок эч кимге сездирбейт.

- Бермет, Бермет?

- Эмне болду, - деги жайчылыкпы? - тура калды.

- Ал мени, ал-ал мени сүйөм деди! - Алиянын жүзүнөн кубанганы же капаланганы сезилбеди, болгону энтигип алган, ыйлап да жүрөт, - Ал мени сүйөм дейт, үйлөнөм дейт, эмне кылам Бермет?

- Өзүңө келчи, отуруп эс алчы Алия, эчтекеге түшүнсөм буйрубасын, демиңди басып туруп жай түшүндүрчү, - Бермет аны колтуктап төргө алып барып отургузду да өзү маңдайынан орун алды, - Кана, суудан ичип эс ал, анан сүйлө, - деп суу берди, Алия дем албай сууну жутуп бир саамга отуруп калды.

- Бермет, Мурат мени сүйөм дейт.

- Эң сонун, Мурат сүйө турган жигит.

- Ооба, дал ошондой, бирок мен кантем, мени билсе башын буруп басып кетет го? - Берметти жалдырай карады, - Кокус анын тааныштарынан мени тааныганы болсочу?

- Сен ага ачыгын айт, чындыкты айтсаң ал түшүнөт, турмуш кургусу келсе, чындап сени сүйсө ал сени түшүнөт, кайсарлык кылба, акыл менен жеңе билсең баарына жетесиң курбум, - Бермет аны тынчтандырып өз кеңешин айтып жатты.

- Ал чынымды айтсам түшүнөбү?

- Түшүнбөсө кете берсин, сага күйөө жокпу? - Бермет күлө карады, - Сендей сулуу кыздарга четинен чыгат, бирок азыр сен бир кана алдыга койгон максатыңды ойло, келечектеги бактыңды ойло курбум, азыр баары өз колуңда турат.

- Туура айтасың, мага бакыт өзү жылмайып турганда колдон учурбашым керек курбум, мен эми гана эсиме келдим, сенин айтканың эң туура, - деп Алия курбусун кучактап өпкүлөп жиберди, - Акылдуум менин, сен болбосоң мен эмне кылат элем, айтчы деги Бермет, кандай күнгө туш болот элем, чынында акылым кыска болсо керек, терең ойлонбой туруп чечим чыгарып салмайым бар, сендей акыл кошоор курбум болбосо эмне болмокмун?

- Эми сенин бир гана жолуң бар, алдыга карай умтулууң керек, текке кеткен күндөрүңдү кайрып алууңа болбосо дагы баарын башынан баштооңо болот, - деп Бермет Алияны тынчтандырды. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, Алия ойлонуп калды, курбусунун сөзүнө ыраазы болуп ынанды, чынында андан башка жол жок эле, атасынын жүзүнө дагы кароого болот, өгөй энесинен ошентип өч алат. Агасыныкына дагы бара элек, жеңесине барып баласын кимге бергенин сурагысы келет, бирок дайынын билгенде кайда алып барып, кимге бактырат, өзү иштебесе бага албайт, ал турсун атасы ким деп сураса айта албайт, жадагалса атасы ким экенин өзү билбей туруп баланы алып багууга болбосун ойлоду. Ал тургай ал бала өзүнүн максатын орундатууга дагы кедерги болмок, жолуна кедергиси тийбей койбойт.

- Мен бир чечимге келдим Бермет, Муратка жооп бербейм, аны мен сүйбөйм, анткени мен сүйүү деген нерседен кабарсызмын.

- Туура кыласың, сүйүү дегендин өзү азап, сүйүп көрбөгөнүң жакшы, мен сүйүүнүн азабын да асилин да көрдүм, ишенсең азыр мен Айдарды катуу сагынып жүрөм, чынында аны мен өзүм таарынтып алдым, өтө кызганчаакмын, аны классташ кызынан кызганым уруш чыгардым, өзүм аны көбүрөөк капа кылып алганымды эми түшүндүм, - Бермет улутуна колдорун бири-бирине ыкшап сүйлөп отурду.

- Ал сага таарындыбы анан?

- Ооба, мен аны жанымдан кубалап жибергемин.

- Сүйүшкөндөр бири-бирине таарынышабы?

- Сөзсүз да, сүйүү деген бактылуу мүнөттөрдө гана сүйүү ажырашуу-таарынышуу азап, бири-бириңди сагынасың, балким Айдар деле мени сагынып көргүсү, жолуккусу келип жүргөндүр?

- Бермет, эгерде мен бирөөнү сүйгөн болсом анда жанагы жолго барбас элем туурабы?

- Балким, бирок ал тагдырың Алия, кудайым ар бир пендесине сыноо жөнөтөт экен, ошол сыноодон өтсөң анан адамдык жашоого бет аласың, жеңилсең анда сен адам болбой каласың курбум.

- Ошондой де, анда Мурат менин сыноомбу?

- Дал ошондой болушу мүмкүн, андан көрө сен өз карьераңды өркүндөт, алдыга озуп чык, эл сени билсин, башка жактан эмес актриса катары белгилүү болушуң керек, уктуңбу Алия? - деп Алиянын жанына келди, - Мен ошону каалайм курбум.

- Рахмат сага, мага жакшы жол көрсөтүп, үмүт берип жатканыңа ыраазымын, сен дагы тилегиңе жет, эмки кезекте башкы ролду сен аткарууңа үмүт кылам, сен ошондой жакшы кызсың, ага татыктуусуң Бермет, - Экөө кучакташып саамга отурушту:

- Кой эс алалы, эки-үч күндө баары бүтсө анан кең-кесири дем алабыз, ар бир иштин кыйынчылыгы болбой ийгилиги да болбойт, - Бермет туруп эртең менен жыйбай эле түрүп койгон ордуна жаза салып бой таштады, - Аябай чарчадым.

- Мен дагы чарчадым, эс албаса болбойт, эртең да эрте чыгабыз ээ?

- Ооба, эрте барбасак болбойт, жакшы жат.

- Сен дагы жакшы укта, - Эки кыз эки жакты карап жатып калышты, Алия жатаары менен эле көзү илинди, Бермет уктай албай жатты: "Тобо-о, ушундай татынакай кыздар өздөрүн сатып, ар кимдин менменсиген чиновниктердин кол жолугуна айланып жүргөнүн кара, себепти табуу оңой, бирок жоготкон абийирди кайра ордуна келтирүүгө болбойт, бул киного тартылып атагы чыккан күндө дагы тааныгандар үчүн баягы эле "сойку" бойдон бир топко дейре калат го, убакыт баарын унуттурат, менчи-мен деле сулуумун, акыл-эсим бар, неге мага башкы ролду бербеди, мен дагы ийинине жеткире аткармакмын, атакты мен деле каалайм, балким менин дагы жарк деп чыга келээр күнүм бардыр, Айдар мени таптакыр унутуп койдубу, же телефон чалбайт, же бир келбейт, мени кечире албайбы", - деп түйшөлүп жатып көптө уктады. Эртеси баягы эле көрүнүш, шаша-буша кийиништи да батирин кулпулап жолго чыгышмак, подъездден чыга бергенде айтпай дебей аларды күтүп турган Муратты көрүп эки кыз бири-бирин үнсүз карап коюп ийин куушура жылмайып алышты:

- Уйкучу кыздар, уйкуңар кандыбы, саат тогуз болуп жатат, кеттик эмесе, кана отургула, - деди Мурат машинанын эшигин ача.

- Убара болупсуз, өзүбүз бармакпыз, - деди Бермет отуруп жатып.

- Мен силерди түбөлүк ташыганга даярмын.

- Коюңузчу, зарыл жумушуңуз чыгып калса дагыбы?

- Албетте, - Мурат унааны айдап баратып артына кылчайып күлө карады, - Силер үчүн баарынан баш тартып коем.

- Рахмат, - деп Бермет Алияны нукуй күлүп койду, Алия унчуккан жок.

- Алия, буйруса биздин кино элге жакса укмуштуудай атыбыз чыгат, анан сен экөөбүз тең актерлордун үй-бүлөөсү атыгабыз, уул-кыздарыбызды дагы бала кезинен киного катыштырабыз, кандай дейсиң?

- Бул эмне кыялбы? - деди Алия суз гана.

- Жок тилегим, жашым отузга таяп баратса дагы мен эч бир кызга сенчелик караган эмесмин, сүйүүгө дагы ишенчү эмес элем, дегиңкиси сүйүү дегенди башымдан өткөрө элек болчумун, мага сен чоң сүйүү тартуу кылдың, менин бойдок жашоомдун соңуна чыгаар мезгили келди, мен эми ата-энемди кубантып сүйүктүү келиндүү кылам, - Мурат буларды кандайдыр бир эргүү менен айтып жатты. Алия анын сөзүн укпагандай, дегеле өзү жалгыз бараткандай мелтиреп сыртты карап кете берди.

- Келип калдык, - деди Бермет акырын.

- Иш башталыптыр, башка эпизотторду тартып жатышкан го? - Мурат ушинтти да унаасын токтотту.

- Оо келдиңерби, демек өзүңөрчө дагы ролуңарга жакшылап жаттыгып жаткансыңар го? - деп Турсунбек жайдары, - Буйруса кино элге абдан жакшы жана тез кабыл алынат, Алия сени кинонун прездентациясы болоору менен журналисттер кызыгып интервью алууга ашыгышат, демек сен атактуулукка алгачкы кадамды жасап койдуң.

- Рахмат агай, мактаганыңызга татаар бекенмин?

- Татыктуусуң, эң сонун аткардың, анткени сенде талант бар экен, баардык тараптан төп келишкен жан экениңди өзүң сезбейсиң Алия, кыскасы ийгилик каалайм, - Турсунбек Муратка бурулду, - Кыскасы Муратты да айтпай коюуга мүмкүн эмес, экөөңөр тең жакшы ойнодуңар, - деди жылмая.

- Рахмат, сиздин эмгегиңизди текке кетирбесек болгону, ишеничиңизди аткарып мактооңузга татысак болгону, - деди Мурат, аңгыча калган актерлор дагы келип калды.

- Баарыңар азаматсыңар, силердин эң алгачкы ролуңар болсо да жакшы аткардыңар, Берметтин ролу дагы өзгөчө болду, алгачкы ролуңдун бузукулук болгонуна капаланба, бирок эң сонун ойнодуң, - деп Берметке кайрылды, - Сени эми башка кино тартчулар дагы чакырышы мүмкүн.

- Рахмат агай.

- Кана эмесе, ишибиздин ийгилиги үчүн бүгүн чогуу бирге тамактаналы да тарайлы, телефонуңарды өчүрбөгүлө, байланышып туралы, буйруса ачылышын өткөрөбүз, - деп Турсунбек унаасын көздөй басты, баары бир-экиден унааларга бөлүнүп орун алышты.

"Сүйүү жана байлык" аттуу кино чыгып ачылышы болгондо Алияга ар тараптан кабарчылар жабышып эле калды. Ошол кезде Омор башкы редактор болуп бир гезитте иштеп жаткан, кабарчысынын алып келген кабарын, Алиянын сүрөтүн көрүп кытмык жылмайып алды да Сезимге карады:

- Бул кыз башкы ролдо ойноптурбу?

- Ооба, абдан жакшы ойногон агай, менимче тубаса талант...

- Аа-а, мурда кайда иштегени жөнүндө сурадыңарбы?

- Жо-ок, ал эми бул киного тартылууга кастинг аркылуу келип жагып калыптыр.

- Жакшы экен, - деп койду Омор.

- Сиз таанычу белеңиз? - деп сурады капыстан Сезим.

- Жж-ок, кайдан таанымак элем, биринчи көрүп турам, - деп айткан Омор Акматович өзүнчө ойлонуп кетти: "Тааныганда эмне, бул мурун сойку болчу деп айтмак белем, далай жолу мамасынан алып кеткенимди ким билмек эле, эгерде Салима билсе менин чумомду чыгарат", - деп артын ойлоп тим болуп калды. Ошол-ошол болду, Алиянын аты чыгып кийин дагы эки-үч режиссер чакырды, ошол убакта Берметке дагы суроо талаптар көбөйдү, аңгыча кино дискке чыгып бүт элге тараганда Алия жөнүндө бирөө телефон чалып ал чыккан гезитке суроо берди. Көп өтпөй эле Алияга кайрадан журналисттер кайрыла баштады, ал жолугуудан баш тартып телефонун өзгөрттү да кийинки киного тартылууга сунуш түштү эле дароо макул болду, анткени ал ошентип баарын унутууга бел байлады. Бермет экөө бөлүнүп кетти, бул жолу Бермет башкы ролго тартылып жүргөн, ага жолугууга Айдар келди. Эми гана съемкадан келип эс алууга отурган Бермет эшиктин коңгуроосу чыр эткенде: "Алия келди окшойт", - деп эшикти ачып маңдайында турган Айдарды көрүп таңгала туруп калды:

- Бермет кандайсың? - деди Айдар башын төмөн сала, - Күткөн эместирсиң, кечирип кой...

- Эмнеге кечирим сурайсың Айдар?

- Сени туура эмес түшүнүптүрмүн, сен мени катуу сүйгөндүгүң үчүн кызганганыңды, мен дагы сени сүйгөнүмдөн унута албадым, сагындым сени Бермет, - Айдар кыздын көздөрүнө тике карады.

- Мен сени эчак эле кечиргемин Айдар, - Бермет Айдарды ичке кир дебестен эле артына бурулду, - Мен сени кечирбей кое албайм...

- Чынбы Бермет, сен мени кечирим койдуңбу? - Артынан кирип келе жатып сүйлөп жатты, - Мен сени кандай сүйсөм сен дагы мени ошондой сүйөөрүңдү кеч түшүндүм, мен акмак экенмин, сенин сүйүүңө татый аламбы Бермет?

- Өзүңө ишене албасаң эмнеге келдиң?

- Сенден кечирим суроо үчүн, эгерде сен мени кабыл алсаң мурункудай мамилебизди эле улантууга эмес колуңду сурап келдим Бермет, үйлөнүп алалы, ата-энеңдин алдына киши жиберейин деп кеңешкени келдим, - деп токтоп жооп күтүп калды.

- Ыраспы? - Бермет бери карады.

- Чын ниетим менен өтүнөм Бермет.

- Ойлонуум керек, бирок жазга чейин айта албайм, анткени азыр мен киного тартылып жатам.

- Уккам, сен канча күт десең күтөм, Бермет сенин жаныңда болууну каалайм, баягыдай бактылуу күндөрдү өткөрсөк дейм.

- Жарайт Айдар, - Бермет Айдарга жакын басып келди, - Мен сени күтүп жүргөмүн, сени кандай сүйөөрүмдү айткым келген, сен дагы мени кечир! - деп кучак жая Айдарга умтулганда ал дагы кучагын жайды, экөө эми гана кучакташып калганда Алия кирип келип эле же чыгып кете албай, же бери баспай туруп калды, аттиң ошондо чыгып кеткенде алардын сыры ошол бойдон ачылбай калат беле, ким билет?

- Алия! - деп жиберди аны көргөн бермет Айдардын кучагынан бошонуп, - Келдиңби?

- Ооба.

- Менин сага айтып жүргөн жигитим Айдар, - дегенде Айдар артына бурула берип Алияны көрүп эси эңгирей туруп калды. Алар бири-бирин тиктешип калганда Бермет:

- Силер мурда тааныш белеңер? - деп экөөнө алмак-салмак карап калды, - Эмне болду силерге, жооп бербейсиңерби?

- Мм, Бермет Айдар менин классташым, кечирип кой ал үчүн, - деди Алия ошондо гана.

- Бермет, мен Алия менен он бир жыл бирге окуганмын, жердеш болобуз дагы, - деп Айдар Берметке бурулду, - Туура түшүн, биз классташпыз, ушундай кезде жолугушканыбызды кара, - Шыпылдай Берметти кучактай берди, - Силер бирге турасыңарбы?

- Ооба, жашообуз дагы, ишибиз дагы бирге, Бермет заматта жаркылдай карады, - Мен дагы башкача ойлоп кетпедимби.

- Башкача болгондо кандай? - Айдар Берметке тжылмая карады, - Кыз-жигит болгон экен деппи?

- Ананчы, экөөңөр тең эле тилден калгандай жалдырап тиктешип калсаңар ой кетет экен да.

- Мен кийимимди алмаштырып чыгайын, - деп Алия ашканадан чыгып бөлмөгө кетти: "Кызык, сүйүү деле адамдарга кайра-кайра келе береби, Айдар бир кезде мени сүйөм деп канча жалдырап жүрчү эле, эми Берметтин башын айлантып калыптыр, мени дагы үйгө келе берип кубалаткан ушул эмес беле, бирок мен сүйбөсөм дагы жакшы көрчүмүн, көрсө бул алдамчы экен да", - деп кийимин которунуп жатып ойлонуп жатты. Айдар менен Берметтин күлгөндөрү, сүйлөгөндөрү угулуп турду:

- Мен сени келет деп аябай күттүм Айдар, бирок үмүтүмдү сенден үзүп калганда гана келдиң.

- Эмнеге, мен дагы кайра эле сени ойлонуп келейин деп эле келе албай жүрдүм, ачуусу тарасын дедим да.

- Эртеси эле тарап кеткен, менин сени катуу сүйгөнүмдүн себеби кызганычка алып келди, сен ошону түшүнсөң гана? - Бермет эркелей Айдардын ийинине башын жөлөдү, Айдар Алияны көргөндөн кийин ага анча көңүл бурбай баягы таттуу сөздөрү чыкпай оозу бош сүйлөп калды, көңүлүндө Алия туруп алган эле.

- Алия экөөңөр канчадан бери таанышсыңар?

- Көп болду, эки жылдай көрүшпөй калып кайра жакындан бери жолугушуп бирге жашоону чечкенбиз, анан кастинге катышып экөөбүз тең жагып азыр кинолорго чакыруу алып жатабыз.

- Азаматтар, деги экөөңөр тең жасалгасыз сулуусуңар да.

- Мен Алияга жетпейм го, бирок сулуулугум бар, - Жылмайып койду, - Сулуу дегенге болобу мени?

- Албетте, сенин ар тарабың сулуу, акылың тунук, мүнөзүң абдан жумшак, жаш баладай ишенчээксиң, - деп Берметти мурдунан чымчып койду Айдар.

- Чын элеби?

- Чын айтам.

- Алия келбейсиңби, чай ичели! - деп үн салды Бермет.

- Азыр, силер иче бергиле, мен жуунуп чыгайынчы.

- Ма-акул, ага чейин мен тамак жасай коеюн.

- Бермет, мен кетейин, силер эс алгыла, - Айдар туруп кетмек болду, - Тынчтык керек го силерге.

- Жок-жок, отуруп тамак ичип кет, - Бермет аны отургузуп мойнуна колун арта кулагына, - Жанымда кө-өп-көп отурганыңды каалайм Айдар мырза, - деди шыбырай.

- Мен дагы, бирок азыр кетүүм керек.

- Айдар, качантан бери экөөбүз кафеден тамактана элекпиз, жүрү кеттик, кечки салкында чыкканды жактыраарымды билесиң го?

- Алия жалгыз калабы?

- Ал эми түшүнөт да.

- Ошондо деле уят го, чогуу баралы анда.

- Ма-акул, - деп Бермет бир аз кыйыла жооп кылды, - Андай болсо мен Алияны айтайын ээ?

- Ооба, силер даярданып чыккыла, мен машинада күтөм, - деп Айдар бөлмөдөн чыгып кетти, Алиянын болбогон оюна койбой Бермет алып чыкты, экөөнү отургузуп алып эми жөнөмөк болуп унаасын от алдырып жатканда Мурат келип токтоду.

- Мурат го бул? - Бермет кубанып кетти, ал Айдар менен ээн болгусу келип турган, - Мура-ат, биз бияктабыз!

- Жиндисиңби? - деп Алия ага карады.

- Ал ким? - деди Айдар.

- Мурат менен Алия өнөктөш болуп роль жаратышкан, ал Алияны сүйөт, - Бермет атайын күлө карап Алияны нукуду, - Же калп айтамбы Алия?

- Бермет жөнчү, деди Алия аны тыя.

- Бермет, кайда кетип жатасыңар? - деп Мурат келип калды, - Алия жаныңдабы?

- Ооба, - Бермет унаадан түшө калды, - Таанышып койгула, бул менин жигитим, аты Айдар.

- Таанышканыма кубанычтуумун, - Мурат унаанын ичинде үн катпай отурган Алияга эңкейди, - Алия, мен сага келгемин, мүмкүн түшөөрсүң?

- Мурат, мен чарчадым, сени менен сүйлөшө албайм.

- Бир азга эле, айлынып келебиз.

- Жок, мен эс алуум керек, - деди да Берметке кайрылды, - Ачкычты берчи, мен үйгө кетем.

- Эмнеге, Мурат менен барып келбейсиңби, - деди Бермет өздөрү менен барганын каалабасын билдиргендей.

- Эч нерсеге көңүлүм жок.

- Койчу, сени жалгыз таштап кете албайм.

- Алия, мени менен бир мүнөткө сүйлөшүп койчу суранам, - Мурат ага жалдырай карады.

- Көңүлүм жок адамды экөөлөп кыйнай бербегиле да, - деди Айдар ортодон чыга, - Балким чын эле чарчап тургандыр.

- Айдар, сен кыздардын көңүлүн ачканды билбейсиң, чарчаганда мындай кечте сүйүктүүң менен болгон кандай бакыт?

- Түшүнөм дечи, бирок...

- Болуптур Бермет, силер сейилдеп келгиле, мен үйдө болом, - деп Алия унаадан түштү да үйдү көздөй тездей басып жөнөдү, Бермет Айдарга карады:

- Кеттик, эки ашыктын ортосуна кийлигишүүгө болбойт.

- Бермет, Алия аны сүйбөйт окшойт, көңүлү болбосо эмнеге аны ага түртүп жатасың?

- Өздөрү чечишет, көптөн бери эле кыз-жигит болуп жүрүшөт, - деп Бермет Айдарды суроолуу карап калды да: "Демек бул экөөндө бир сыр бар, мен экөөнү жолуктурбаганга аракет кылуум керек, балким сүйүшкөндөр болуп жүрбөсүн, мектепте деле андайлар болот эмеспи", - деп ойлонуп Айдарды суутууну эп көрдү, - Айдар, классташың шаарга келгенден кийин ким болуп иштегенин билесиңби?

- Эмне болуп иштептир?

- Сойку.

- Койсоңчу, мындай сөздү кантип айтып жатасың Бермет?

- Өзүнөн сура, ал тургай төрөп баласын таштап коюптур.

- Калп, Алия андай кыздардан эмес болчу.

- Турмушта баары болот мырзам, - Бермет куулана күлүп Айдардын ийинине колун койду, - Эң аруу-таза, кол тийгис дегени турасыңбы, сен экөөбүзгө алардын кереги эмне, өз келечегибиз жөнүндө ойлонушубуз керек, бүгүн гана табыштык, кайрадан сенден бөлүнгүм келбейт, жүрү кеттик.

- Башка күнү барбайлыбы? - Айдар ийининдеги Берметтин колун акырын түртүп койду, - Жана айттым го, бүгүн зарыл бир ишим бар эле деп, кеч болуп калды, бүтүрүшүм керек.

- Жарайт анда, - деп Бермет бир нерсени жүрөгү сезгендей акырын ызалуу айтты, - Качан келесиң?

- Эртең келип бир жакка алып барам, бүгүн эс ал.

- Макул анда, - Бермет унаадан маанайы пас түштү да коштошпой эле үйдү көздөй баратып Мурат менен Алиянын тартышып турганын көрүп аларга карап басты: "Ушунун айынан Айдар мени таштап кетеби эми, мындан бөлүнүп өзүмчө жашашым керек, же эртерээк күйөөгө кетүүсүнө жардам берүүм керек", - деп ойлонуп, - Алигиче чечише албай жатасыңарбы? - деди жете келип.

- Алия болбой жатат.

- Алия, мен дагы сени жалгыз таштай албай Айдарды кетирип ийдим, эмнеге эле көңүлүң алагды болуп эч кимди укпай калгансың, Мураттын деле жүрөгү бар да, сеникиндей меникиндей жүрөгү бар, көңүл калтыруудан өткөн жаман нерсе болбосо керек дейм? - деди караңгыда анын жүзүнөн ага жини келгени байкалбаганы менен үнү дирилдей ызасын чыгара.

- Бермет, менин өз тагдырым бул, эч кимдин кийлигишүүсүн каалабайм! - деп Алия колун тартып алды да подъездди карай жүгүрүп кирип кетти.

- Мен түшүнбөй калдым, көңүлдүү эле болчу, бүгүн мен аны өз бир туугандарыма тааныштырайын дегенмин, - деди Мурат айласы кеткендей.

- Балким Алия сага өткөнүн айта албай уялып жаткандыр? - деди Бермет атайын өч алгысы келгендей.

- Өткөнү кандай, эмнеден уялат?

- Сен эчтеке билбейсиң, балким өзүнөн укканың жакшыдыр, - деп Бермет дагы Алиянын артынан кирип кетти. Мурат көпкө туруп анан Алияга телефон чалды эле ал албай өчүрүп койду, анан аргасыз унаасына отуруп алып ойлонуп отурганда эжеси Айымкан чалып калды.

- Алло эже, мен Алияны күтүп жатам, ал үйүндө жок экен, ооба-ооба, барып калабыз, - деди да өчүрө салды. Анан кайра унаасынан түшүп подъездге кирип Алиялар жашаган бөлмөнүн эшигине келип көпкө туруп чечкиндүү түрдө каалганы какты:

- Ким? - деген Берметтин үнү угулду.

- Мен, Мурат...

- Аа-а, кете элек белең?

- Кайдан, Алия үйдөбү?

- Ооба, - Бермет көзүн кысып койду.

- Алия, Алия мен эч жакка кетпейм, үйдөгүлөр бизди күтүп жатышат, - деп кирип барды Мурат.

- Мени эмес, сени күтүп жатышат.

- Мен сени аларга тааныштырмакмын да, азыр телефон чалышты, мени түшүнчү Алия.

- Болбос ишке эч кандай киришпөө керек Мурат, мен мурда эле айткамын, сен экөөбүз баш кошо албайбыз, - деп.

- Эмнеге, сен мени жактырбайсыңбы, деги эле сага мен жакпаймбы? - Маңдайына келип ээгинен өйдө көтөрүп көздөрүнө тике карады, - Айтчы, мени сен сүйбөйсүңбү?

- Жок! - деп Алия жүзүн буруп кетти.

- Сүйө-өсүң, сүйбөсөң сүйдүрүп алам! - деп Мурат аны колдон ала эшикти көздөй жөнөдү, - Мен сени азыр үйгө алып кетем!

- Мурат, кое бер мени, мен баары бир сени бактылуу кыла албайм, биз үйлөнө албайбыз, - деп Алия жалдырап кирди, - Бермет, мага жардам берчи, алып кал мени!

- Мурат, бул эмне кылганың, көңүлү жок немени кыйнаба да, - деп Бермет Алияны андан бошотмок болгону менен ачык айта албай: "Сенин кеткениң жакшы, эгерде сен мени менен болсоң Айдар мени таштап кетиши мүмкүн, мен баарын сездим, аны сага бере албасымды ачык айтайынбы, же сени атайлап эле жоготоюнбу", - деп көңүл уламыш болуп жатты. Мурат ага болбой эле Алияны босогого жеткенде көтөрүп алып кетти, тыбырчылап кетип жатты, сыртка кошо чыгып аларга жетпей калган Бермет унаага жетип эшигин ачтырбай туруп алды.

- Бермет, тур биякка, Алия экөөбүз бир нерсени чечип алуубуз керек, - деди Мурат орой.

- Эмне деп жатасың, менин сени менен чече турган эчтекем жок! - деп Алия аны чапкылап жатты.

- Эмнеге оройлоносуң, баргылачы ары! - деген Бермет мындай боло берди, ал Алиянын көңүлү үчүн эле турган, - Менде эмне күнөө? - деди да басып кетти, бирок ал түшүндү, Муратка айтканын: "Алияга мени айтты деп айтат эми, мейли айтса айта берсин, баары бир ошондой болушу керек эле", - деп ойлонуп бөлмөсүнө кирип жатып калды: "Айдар келгенде жакшы эле келген, чын дили менен сүйөөрүн айткан, классташ болгону менен экөөнүн ортосунда бир нерсе бар, балким Айдар аны сүйчүдүр, таппай калып эле мага жолугуп сүйөөрүн айткандыр, эгер экөөндө сыр болбосо минтпейт эле, ал тургай үйлөнөөрүн айтпады беле, заматта эмне болуп кетти, анын сойку болгонун айтканым туура эмес болдубу, ичим күйүп кеттиби, өзүмдү кармай албай Муратка дагы айтып ийе жаздадым, эмне болоор экен", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Мурат Алияны унаасына салып алып ээн жерге барып токтотту да Алияга карап саамга ойлуу отурду, анан оор дем алып алган соң:

- Алия, сен мурун кайда, эмне иш кылгансың? - деди.

- Сага анын эмне кереги бар, мен баары бир сага тийбейм.

- Мен сенден сурап жатам, сен кимсиң? - дегенде Алия селт этип алды.

- Ким экенимди билбесең көлөкөдөй болуп ээрчибе!

- Кошкөйлүктү кой да өткөнүңдү баштан аяк айтып бер, мен баары бир сага үйлөнөм, - деди бир аз жумшарган Мурат.

- Өткөнүмдү, ким болгонумду билсең дагыбы?

- Ооба, баары бир, болгону өз оозуңдан уккум келет.

- Мен сойку болчумун...

- Эмне-е?! - Мурат аны дел болгондой карап ишенбей карап туруп калды, - Эмне дедиң?

- Уксаң ошо, - Алия жүзүн буруп кетти.

- Ошондой де, демек сен көптү көргөн экенсиң го?

- Ойлогонуңдан көбүрөөк.

- Демек сойкулуктан актрисалыкка жол таптым дечи?

- Дал ошондой.

- Мм, - Мурат унчукпай оозун сыйпалай отуруп калды, ошондо Алия унаадан түшүп жүгүрүп жөнөдү, Мурат ойго алдырып билбей калдыбы же жолун тоскусу келбедиби айтор отурган бойдон козголбоду.

- Болду, баары бүттү, бирөөдөн уккан экен, ушунусу жакшы болду, ачык билгени дурус, мен аны баары бир сүйбөйм, - деп ыйлаган Алия жолдон чыгып жол жээгиндеги даракка жөлөнүп алып солкулдап жатты: "Мен Айдарды сүйөт экенмин, аны көргөндө гана билдим, сүйүү болсо кызгануу бар дегенди уккамын, заматта Берметти жаман көрүп кеттим, бирок Айдар андан укса мени карамак беле, баары бир Бермет ага айтат, жашырып коймок беле, эми эмне кылам, эртеңки съемкага баруум керек, жок дегенде карьерамды өркүндөтүшүм керек, мен бир гана өз максатымды ишке ашыруудан бакыт табам, сүйүүдөн эч кандай жолум болбойт чыгаар", - деп солкулдап ыйлап жатып ойлонуп туруп анан таксиге кол көтөрдү. Эптеп үйгө жетсе Бермет катуу уктап калыптыр ачмагы тозок болду.

- Бермет, ач эшикти! - деп кнопканы тынбай баса берди, эки жагындагы коңшулардан айбыгып катуу кыйкыра албай турганда.

- Алия, сен келдиңби? - деп уйкулуу көзүн үлбүрөтө Бермет эшикти ачты.

- Келгеним качан, ушунча дагы уктайсыңбы?

- Кир, уктап калыпмын, - Ээрчише киришти, - Мурат кеттиби?

- Качып келе бердим, - Алия отура кетти, - Бирөөдөн укса керек, менин өткөнүмдү сурайт, айттым чындыгын.

- Толук айттыңбы?

- Жок, ошондой деп коюп баса бердим.

- Туура кылбапсың, ошого аргасыз болгонуңду ачык түшүндүрсөң болмок да, - Бермет сыр билгизбей ордуна жатып калды, - Жатып укта, эртең экөөбүздүн тең ишибиз толтура.

- Уктай албайт болушум керек, а силер эмнеге кафеге барбай калдыңар? - деди Берметке карап.

- Айдардын жумушу бар экен, эртең келем деди.

- Аа-а, - деп коюп жатып калды, эртеси кайрадан туруп жуунуп чай ичип алып чыгышканда Мурат туруптур, алардан арыта Айдардын унаасы турган, алар байкабады, Мурат кыздарды утурлай чыкты:

- Салам кыздар?

- Салам.

- Кеттикпи? - деди Мурат эч нерсе болбогондой.

- Биз эки бөлөк кетебиз, - Бермет озуна жооп берди, - Алияны жеткирип кой, а мен автобус менен кетем.

- Мен өзүм эле кетем, - Алия терс бурулуп жөнөдү.

- Алия, кеттик жүрү, - Мурат аны колдон алды.

- Кое бер мени!

- Кое бербейм, мени менен кетесиң, - деп унаасына алып келип алдыңкы орунга отургузуп жөнөй берди, Айдар алардын артынан кетип жатты. Алия кино тартылып жаткан жерге барып бул жолу дагы сүйүүнүн ханышасынын ролун жаратып жаткан. Дароо чатырга кирип башкача кийинип чыкканын көрүп алыстан акмалап турду, Мурат Алияга кечинде келээрин айтып кетти, съемка бүткөндө Айдар пайда болду:

- Алия кандайсың?

- Жакшы, сен кайдан?

- Мындай эле, өтүп баратып сени көрүп кайрылдым.

- Бекер убара болупсуң, Берметке барсаң болмок.

- Сен турганда мага анын кереги эмне? - Күлө карады.

- Адамдын сезими менен ойноо сен үчүн оңойбу?

- Андай эмес Алия, шаарга сени издеп келип жумуш таап иштей баштадым, сенин болсо дайның болбоду, анан Берметке учурап калдым, - Айдар ага болгон чындыгын айтып жатты, - Ата-энем үйлөн деп жанды койбойт, аргасыз үйлөнгөнү жаткам...

- Берметкеби?

- Ооба, эми ага үйлөнбөйм.

- Анан...

- Өзүң билесиң, мен сени башынан сүйөм, ушул эки-үч жылдын ичинде унутамбы деп ойлогомун, бирок алым жетпеди, сени көргөндө кубанганымдан ыйлап ийе жаздап араң токтодум, Берметке билгизгим келбеди, жүр эми бир жерден тамактаналы.

- Убара болбо Айдар, мен курбумдун бактысын тартып алгым келбейт, көз жаштан бакыт курулмак беле?

- Алия, суранам бай болгур, көп убакыттан бери жолугушпай калдык, бирге отуруп тамактаналы, - деп Айдар Алияга жалдырап ийди эле:

- Жарайт, анда Берметти чогуу алып алалы, - деди.

- Алия, бүгүн экөөбүз эле бололучу.

- Неге Айдар?

- Менин өзүңдү гана сүйөөрүмдү билесиң го?

- Жомокту айтпа, Берметке дагы арнагансың сүйүүңдү.

- Ал аргасыздан болгон, сен үйүңө дагы кайрылбадың, - Айдар аны ойлуу карап калды, - Сен Берметти курбум деп эсептейсиң го, ал сен жөнүндө эмне дегенин билесиңби?

- Ал айтса туура айткан, - деди Алия кенебей туруп, бирок Берметти ичинен жек көрүп кетти:

- Эмне дейсиң?

- Уксаң баары чын дегеним.

- Ошондойбу?

- Ошондой, эми ыраазысыңбы, жолумду тоспо! - деп Алия кетмек болгондо Айдар аны кармап калды, - Кое бер мени.

- Жо-ок, мен сени кое бербейм.

- Кое бер дейм, менин ким экенимди билип алып мазактагың келип жатабы? - деп жиндене колун силкип бошоно албады.

- Мазактабайм, керек болсо азыр алып кетем, Беккулдун кызын алып келди деп айылдагыларга жар салдырам, ооба мен сени мурда уккамын, бирок ишенген эмесмин, Берметтен укканда гана ишендим, - деп унаага отургузду, - Кеттик айылга.

- Ошолордун баарын билип туруп мени бактылуу кыла аласыңбы?

- Бактылуу жашайбыз, анткени мен сени сүйөм Алия.

- Ушактар жетсе чыдоого кудуретиң жетеби?

- Жетет.

- Бирөөнүн сүйүүсү аздык кылат Айдар, сени Бермет сүйөт, сен анын үмүтүн алдап, жүрөгүн оорутканың болбойт, сага ал ылайык Айдар, мен сага жакшылык алып келе албайм, сүйбөгөн адамга баш кошуу арман менен азапты гана тартуусу керек го, экөөбүздүн бирге жашашыбызга мен ишене албайм, - деп Алия Айдарга карады, - Андан көрө сен бул оюңдан кайт, менден алыс бол, айылдын эми бүт кеп кылса сенин намысың күчөйт, ата-энең урушат, андан көрө экөөбүз классташ бойдон калганыбыз дурус, мени туура түшүн, - деп токтоо айтканда Айдар дагы ойлонуп отуруп калды. Бирок унчукпады, - Жүрү, Берметти ээрчитип алалы, ал абдан жакшы кыз, мени ушул жолго алып келген ошол, жаман ойдон, өлүмдөн алып калган дагы ошол Айдар...

- Алия, мен сени сүйгөнүмдү кантип унутам, сени көрбөй аргасыз Берметке кабылганым чын, сүйөм дегеним дагы чын, бирок ал менин өзүмдү зордоп туруп айткан сөзүм, сени унутайын дегеним, турмуш куруп жашайын деген оюм болгон, - деп Айдар рулга башын коюп отуруп калды.

- Сен аттуу-баштуу адамдардын баласысың, алар мени кабыл алышпайт, менин атамдын дагы намысына тийет, ал оорудан эми сакайып келе жатканын уктум, өгөй энеме өчөшүп барбай койдум, - Алия ыйлап жатты, - Эгерде өзүмдүн апам болгондо абийирим менен өзүм каалаган адамга чыгып бактылуу болмокмун.

- Алия, сени жеткирейин, жүрү кеттик, - Айдар унаасын ордунан жылдырды, - Мен азыр Берметке барбайм, сен көргөнүңдү айтпа, - деди Айдар, экөө бир кафеге кирип тамактанышты, анан Алияны жеткирип коюп артка кетти, Алия киргенде Бермет кардын тойгузуп отурган эле:

- Келдиңби, иш кандай?

- Жакшы, баары ойдогудай, - Алия курбусунун жүзүнө карай албай кийимин алмаштырып, анан балконго чыгып алып эртең аткара турган сөздөрүн жаттап кирди.

- Тамак ичпейсиңби Алия?

- Кардым ток.

- Мурат тойгузган го?

- Өзүм эле...

- Эшик тыкылдайт, Айдар келди го? - деп Бермет шашып турду да каалганы ача салып Муратты көрүп томсоро түштү, - Сенсиңби, кел-кел...

- Алия барбы?

- Ооба, кире бер.

- Иштер кандай, катуу аткарып жатасыңбы? - деп жылмая кирип келди Мурат, - Алия, мен келдим Алия! - Колунда бажырайган роза гүлү бар, Алия балкондон чыгып келди.

- Кел.

- Кутмандуу кечиңиз менен Алия айым! - Мурат ийиле гүлүн сунду, - Бүгүнкү күн кандай өттү кымбаттуум?

- Ойдогудай, - Алия саал жылмайган болду, - Гүлүң үчүн рахмат.

- Ошо кантип болсун Алия, мен сага жүрөгүмдү тартуулап келдим, сүйүүмдү кабыл ал!

- Бекер убарачылыктын эмне кереги бар? - Алия сумсая гүлдү ашканага алып кирип сууга салды, Мурат аны менен кошо кирди, аларды ээн койгусу келип Бермет ваннага кирип жуунуп жатып: "Кандай бактылуу кыз, Айдар неге келбей койду, мени сүйөөрү жалган болсо керек, эгерде сүйсө келмек, Алияны көргөндөн эле башкача болуп кетти, неге мени андай сүйүшпөйт, Мурат да Алиянын кандай экенин угуп-билсе дагы минтип келип отурат.

- Алия, жүрү кеттик! - деп калды Мурат бир кезде, - Бермет кайда кетти, кийинип чыга калгыла.

- Жарайт, - Алия ваннанын эшигине келди, - Бермет, жүрү Мурат кафеге барабыз дейт.

- Силер бара бергилечи.

- Эмнеге?

- Менин уйкум келип турат, анын үстүнө эртеңкиге даярдануум да керек, - деп Бермет моюн толгоду, Алия Айдардан эптеп кутулуу үчүн Муратка макул болууну чечкен, ал өзүнүн алдыдагы келечек тагдырын өзгөртмөк болду, бирок али эч нерсени сезе элек, анын тагдыры таптакыр эле башка адамга байланаарын билген жок.

- Мен дагы барбайм анда, - деп ары барып отуруп алды.

- Алия, сен бара берчи эми, мени түшүнсөң, көңүлүм жок.

- Кереги жок, курбумду жалгыз таштап эч кайда барбайм, - Ошол убакта Мурат кайра кирди.

- Ой эмне болду, жүрбөйсүңөрбү?

- Барбай калдык, - деди Алия.

- Эмнеге?

- Берметти жалгыз таштай албайм.

- Ал эмне барбайм дейби?

- Ооба, анын көңүлү жок.

- Кандай эле? - Мурат ваннанын каалгасын такылдатты, - Бермет, азыр чыкпасаң кирип барам!

- Койчу Мурат, кирбей тур!

- Чык анда, тез кетебиз.

- Азыр-азыр, чыдай тургула, - Бермет кыткылыктап күлө сүйлөп жатты, кийинип алып анан чачын кургатканча беш-он мүнөттөй өтүп кетти. Анан үчөө ээрчише чыгып унаага отурушту, бул кезде түнкү саат он бирлер болуп калган болчу. Көпкө тамактанып, сүйлөшүп отуруп анан Берметти жеткирип коюп Мурат Алияны өз үйүнө алып келди. Кирпичтен салынган үйгө келип токтоп дарбазаны ачканда үйдөн бир кыз чыга калып:

- Мурат акем келди-и! - деп үйдү көздөй кыйкырды.

- Элина, али уктай элексиңерби? - деп Мурат жылмая карады, - Бул агамдын эрке кызы Элина, - деди анан Алияга.

- Салам Элина, - деп жылмайып учурашты Алия.

- Салам, сиз сулуу экенсиз, - деди Элина, - Мурат акемди сиз сүйөсүзбү?

- Жо-ок, эмнеге сурадың?

- Сизди кинодон көргөмүн, Мурат акемди сүйөм дебедиңизби.

- Аа-а, - деп койду Алия Муратка карап.

- Кел кызым, киргиле үйгө, - деп улгайган аял үйдөн чыкты, - Элина, улуулар менен ошентип сүйлөшүүгө болмок беле, кире гой үйгө, деди Элинаны дагы.

- Апа, бул Алия, мен силерге айтпадым беле...

- Киргиле балам, жай сүйлөшөбүз, - деди да алдыга басып ичкериге кирди, Алия Мурат менен ээрчише кирди, үй ичи абдан жасалгалуу экен, Алиянын жакыр турмушуна салыштырууга мүмкүн эмес эле, - Отур кызым, - деди Батийна колун жаңсай орун көрсөтүп, алар орун алган соң эки келин менен агалары, эжеси киришип баш ийкей отурушту.

- Булар менин бир туугандарым, - деди Мурат Алияга.

- Жакшы...

- Кызым, кайдан болосуң? - деди Батийна Алияга кайрылып.

- Ак-Сайдан.

- Ата-энең барбы?

- Ооба.

- Бир туугандарыңчы?

- Бар, беш бир туугандын кичүүсүмүн.

- Жакшы экен.

- Апа, Алиянын бир тууган эки агасы шаарда турат, - деп Мурат кошумчалады.

- Жакшы балам, - Батийна Алияга бурулду, - Шаарда канчадан бери жашайсың кызым?

- Эки-үч жылдан бери.

- Кайда иштейсиң?

- Азыр...

- Апа, Алия азыр кинолоро тартылып жатат, - деп Мурат жооп бере салды.

- Өзү айтсын балам, - деп эне баласын караганда ал унчукпай калды, - Окугансыңбы?

- Жок, - Алия экзамен тапшырып жаткандай тердеп кетти.

- Кана, тамагыңар даяр болсо залга кирели, - деди да ордунан туруп баштап төркү бөлмөгө киришти, чоң залда үстөл үстү жайнап туруптур, эки келин тамактарын алып келишти, ошол кезде Мураттын жездеси Шадыбек кирип келип эле Алияны карап туруп калды, Алиянын көзү чакчая түштү, экөө бири-бирин тиктеп туруп калганда Мурат:

- Жезде отуруңуз, - деди бир нерсени сезгендей.

- Аа-а, - деп Шадыбек көзүн тартып алып аялынын жанына өтүп отурду.

- Бул менин айтып жүргөн кызым, - деп тааныштырды Мурат.

- Жакшы-жакшы, апамды дагы бир келиндүү кылып кубантат экенсиң да, - деп кайсактай күлгөн болду.

- Сага эмне болгон? - деп аялы ага таңгала карап калды, Жазгүл күйөөсүн ата-энесинин көзүнчө урушчу эмес, анткени атасы ага: "Сен аялсың кызым, күйөөңдү биздин көзүбүзчө урушпай жүр, башка жерде дагы уятка калтырба, айта турганыңды үйүңдөн айт", - дечү. Келгенбай азыр ооруп ооруканада жаткан, Мурат ата-энесин шаштырып үйлөнөм дегенинен кызыңды алып кел көрөлү дешкен болчу. Алия Шадыбекти көргөндөн кийин башын көтөрө албай калды: "Дагы мени тааныган кимиси чыга калат, Муратка көрүнбөй башка жакка кетпесем бул кайра тартпайт го, кантип ага аял болом", - деп сары санаа болуп отурду. Анан акырын Муратка шыбырады:

- Мен кетишим керек Мурат.

- Азыр, апам жооп бергенде кетесиң.

- Эртең эрте чыгышым керек, акыркы күн.

- Шашпа, - деп акырын нукуп койду, тамак желип бүткөн соң бата кылган соң, - Апа, Алия кетишим керек, - деди.

- Бара гой кызым, жеткирип кел, - деди Батийна.

- Рахмат сиздерге, - Алия аста гана айтты да ордунан туруп баратып Шадыбек жакты бир карап алды: "Менин ким экениме карабай сүйүп турган адам менен бактылуу болоорумда сен айгак болот экенсиң да", - деп ойлонуп эшикти көздөй басты, Мурат аны кабат үйдүн алдына жеткирип келди да кайра кетти, Бермет уктап калган, эшикти такылдатып жатканда тушташ эшиктен орус кемпир чыгып:

- Азыркы жаштар абдан бузулду, түнкүсүн да тынчтык беришпейт, карыган адамдарга уйку бересиңерби деги? - деди наалый.

- Кечиресиз эне, мындан кийин болбойт, - Алия андан кечирим сурап жатканда Бермет эшикти ачты:

- Келдиңби?

- Ооба, - Шашылыш ичкери кирди, - Уйкуң жаман, көп күттүрбөй ачсаң коңшулар билбей калат эле.

- Эмне болуп кетти?

- Надя апа мени урушту.

- Уруша бербейби, - деп Бермет оозун чоң ача эстеп алды, жат эми, эс ал, кандай кабыл алышты? - деди анан.

- Баары жакшы, бир гана жери жаман болду.

- Эмнеси?

- Мени Мураттан качууга мажбур кылган...

- Кандай-кандай?

- Мени бир жумага сатып алган адам Мураттын жездеси экен.

- Чынбы, анан эмне деди? - Көзүн алайта суроолуу тигилди.

- Эмне демек эле, менимче өз абийири ачылбасын үчүн ал айтпайт, бирок менин ага жүзүм чыдаар эмес, - Алия кийимдерин чечип ары ыргытты, - Бакыт издетпей табылса, ортодо сөзсүз бир тоскоолдук боло калат, жашоо ушундай курбум, бактымды сынап көрмөк болдум эле, болбой калды.

- Сен ансыз деле бактылуусуң Алия, сени көргөн эле эркектер уйгактай жармашат, - деди Бермет тамашалай, - Бактыңды азыр сен бир гана карьерадан табасың.

- Менин оюмча ал деле толук бакыт эмес, аял деген үй-бүлө күтүп, эне болуу бактысына жеткенде гана бактылуу болобу деп ойлойм, мен карьераны биринчи коймок эмесмин, - Улутуна чалкасынан түшүп жатып калды.

- Менин оюмча максатына жеткен адам бактылуу.

- Үй-бүлөөчү?

- Үй-бүлөөнү экинчи орунга коюш керек.

- Жаңыласың, адамдардын бактысынын эң башкысы үй-бүлөдө, балалуу болуп, сүйүктүү жар болсоң, анан карьераңды өстүрүүгө болот, деп Алия курбусуна карап бурулуп жатты, - Адегенде акылың болсо күйөөгө тий, Айдар үйлөнөлү дедиби?

- Айткан, бирок бүгүн келбей калды го?

- Жумушу чыгып калгандыр.

- Билбейм, таң атып кетмек болду го, кой уктайлычы.

- Жакшы жат.

- Сен дагы, - Экөө эки жакты карап жатып калышты, ошол түнү Алия түш көрүп жатты, ал түшүндө аппак көйнөкчөн аялды апалап ээрчип ыйлап жатканда ал: "Кызым, сенин бактың өтө чоң, жакында сенин өмүрүңдө бир бурулуш болот, тээ тигини көрдүңбү, ошол тоонун чокусуна чыксаң ары жагында ак боз ат жүрөт, ошону минип ал", - деп көздөн кайым болду, Алия апасын жакшы билбей калган, Зуура уруп койгондо апасынын сүрөтүн колуна алып көпкө ыйлачу, сүрөттөн гана көргөн. Чоочуп ойгонуп кетти, ошол бойдон уктай албады, аңгыча таң агарып терезеден бөлмөгө жарык түшө баштаганда Алия туруп жуунуп, кийимдерин үтүктөп даярданып болду да:

- Бермет, тур таң атты, - деди.

- Саат канча болду?

- Жети.

- Кое турчу, эрте экен го.

- Өзүң бил, мен кеттим.

- Бара бер, жолуң болсун.

- Сенин дагы, - Алия сумкасын алып чыгып кетти.

- Бүгүн түш көргөн го, эрте турчу эмес эле, - деп ооналактап көпкө жаткан Бермет телефону чырылдаганда ыңгырана зорго турду, - Таң атпай ким чалып жатат? - деп телефонун алып кубанып кетти, - Айда-ар, алоо Айдар бул сенби? - Аа-а эмнеге кечинде келген жоксуң, аябай күттүм сени, эмнеге аны эмне кыласың, атасы сурап жатабы, аа-а билдим-билдим, - деди да Алиянын телефонун берди, - Айда-ар, бүгүн келесиңби? - деди эле телефонду өчүрүп койгонун көрүп жинденип алды, - Акмак, бул дагы Алиянын артынан түшкөн го, бети жок десе өчүрүп салганын кара, сүйүүгө татыктуу эмес экенсиң акмак", - деп ыйлап жатты. Көптөн кийин гана туруп жуунуп жөнөдү, ошол жылы ал тартылган кино абдан жакшы кабыл алынып Берметтин жылдызы жаркырап чыга келди, басылмалардын баары Берметтин ролундагы эпизодго кызыгып сурап жатышты. Алия кийинки киного тартылган менен анча болбоду. Бирок жашоосунда өзгөрүү болду, ал ошол күнү жолдо турган, Айдардан качса деле артынан түшүп жүргөн. Бермет экөө эки бөлүнүштү, анткени Айдардын айынан бири-бирине сыр билгизбей купуя бөлүнгөн эле. Алиянын жанына бир лексус авто унаа токтоп калды. Алия үстүнө кыпкызыл костюм юбка кийип алган, кыска юбкасынан узун буттары эликтин шыйрагындай түптүз болуп кыска чачына тагынган көз айнеги жарашып турат:

- Чоң кыз кайда барасыз? - деди авто унаанын айдоочусу башын чыгара.

- Үйүмө, - деп койду Алия.

- Үйүңүзгө экенин билем, кай тарапка?

- Шаардын ичине.

- Кеттик, жеткирип коеюн.

- Таксовать этесизби?

- Сиздей сулуулар үчүн.

- Менин таксиге акчам жок, автобус менен эле кетем.

- Бекер эле, - Жигит күлүп койду, - Өтө эле текебер окшойсуз?

- Макул, - деп Алия жылмая унаага отурду, - Ар дайым эле ушундайсызбы?

- Кандай?

- Кыздарга жасаган мамилеңиз.

- Аа-а, сизге бөтөнчө көңүлүм түштү.

- Ыраспы? - Алия кашын серпе көз айнектин үстүнөн карап койду, - Кыз менен келиндердин айрымасын билээрсиз...

- Эмне, келинсизби?

- Таап алыңыз.

- Мейли ким болсоңуз дагы, мен үчүн мааниси жок, чынында бойдокмун, келин-кесектер жакпай жалгыздыктан тажаган кезим, ылайыктуу болсо үйлөнмөкмүн, - деп жигит Алиягы карап койду, - Менин атым Жанболот, таанышып алалы.

- Алия, - Алия жылмая колун берди.

- Сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам.

- Балким, жер тоголок эмеспи, бир жерден көргөн чыгаарсыз.

- Башыңыз бошпу?

- Башымды эч кимге байлай элекмин.

- Жакшы экен, - Жанболот түз жолду карап ойлонуп калды, Алия аны улам уурдана карап: "Балким түшүмдөгү бактым ушул адамдыр. Өтө эле менменсиген бир чиновниктин баласы болсо керек, буга балким күнүмдүк ойноп күлгөнгө керектир, же чын айтып жатат болду бекен", - деп ойлонуп алды.

- Мен келип калдым, сизге рахмат.

- Ошончо эрте келдикпи?

- Ооба, жакын эле эмеспи.

- Алия, каршы болбосоң али эрте го, бир жерден чай ичели.

- Сиздей кадыр-барктуу адамдар жөнөкөй адам менен чай ичип отурса аброюңузга доо кетпес бекен?

- Койсоңузчу Алия, мен деле сиздей адаммын го?

- Ошентсе дагы сиздин турушуңуз айтып турат.

- Андай дебеңиз, сиз менен бирге отуруп чай ичүү мага буйруса өзүмдү эң бактылуу адам деп сезээр элем.

- Мактаганыңызга рахмат.

- Кеттикпи Алия.

- Айтканыңыз болсун.

- Рахмат, кайда барсак?

- Өзүңүз билиңиз.

- Жарайт, - Жанболот унаасын ордунан жылдырып айдап жөнөдү, - Кайда иштейсиз Алия?

- Бекерчимин.

- Коюңузчу, бул түрүңүз бекерчиге окшобойт го?

- Жакшы кийим менен тыкан жүрүү кызматка гана байланыштуубу? - Алия саал жылмая карап койду.

- Андай деле эмес, эгерде сиз айтпасаңыз мен бир компаниянын директору же жардамчысы деп ойлоор элем.

- Бекер адамдар мындай жүрө албайт дейсизби?

- Андай деле ойлобойм дечи, илгери союздун учурунда импорт кийим, индия чайы, дагы баалуу буюмдар тартыш болгон экен, азыр акчага баарын сатып алууга болот эмеспи, - деп күлүп калды Жанболот, аңгыча унаасын токтотуп ресторанга киришти.

- Кана отуруңуз.

- Рахмат, - Алия жылмая карап отуруп калды. Официант келип буйрутма алып кеткенден кийин:

- Кай жердин чүрөгүсүң Алия? - деди Жанболот.

- Ак-Сай деген жерден болом.

- Жакшы, ата-энең барбы?

- Бар, беш бир туугандын кичүүсүмүн.

- Жакшы экен, менин ата-энем экөө тең кызматтагы адамдар, азырынча айтпай турайын, үч бир тууганбыз, мен ортончусумун, агам менен карындашым бар.

- Жакшы.

- Эже, сиз Алия Беккулова эмессизби? - деп бир жигит менен кыз келип сурап калды ошол учурда.

- Аа-а, жок-жок.

- Кечиресиз, сизди ошол актриса экен деп сурадык эле, - деп алар ары карай басканда Жанболот каткырып калды.

- Сизге эмне болду?

- Эчтеке эмнеге өзүңүздү жашырдыңыз?

- Кайдан билдиңиз?

- Сизди мен кайдан көрдүм деп эле таппай жаткамын, көрсө "Сүйүү менен байлык", - деген кинодо башкы ролдогу сиз эмессизби, эми гана билбедимби, - деп Жанболот күлүп жатты.

- Сиз кино көрөсүзбү?

- Эмнеге көрбөйм, кыргыздын кинолоруна ичим чыкпайт, ошентсе дагы ар бир чыккан кинону кызыгып көрөм, сиз мыкты актриса болчудайсыз, менимче алгачкы ролуңузбу?

- Ооба, биринчи жолку.

- Азаматсыз, сиз менен таанышканыма кубанычтуумун, - Жанболот кайрадан колун сунду.

- Рахмат, - Бул жолу Алия кызарып кетти, бир убакта эки-үч кыз-жигит кирип келе жатып бири-бирин түрткүлөп Алияны көрсөтүп шыбырашып өтүп кетти.

- Сизди эл таанып калган тура, текебер болоор жайыңыз бар экен, атактуулукка умутулуучу кезиңиз экен да.

- Эмнеге, мен атакты жаман көрөм, болгону өзүм каалаган кесипти өздөштүргүм келди, ошол атактуулукка умтулуубу?

- Жок албетте, бирок адам баласы атакты да көтөрө албайбыз го, бир аз аты чыкса эрдемсиген жаштар чыкты, ал өзүн ошого татыктуумунбу же татыктуу эмесминби деп ойлоп да койбойт, бир-эки жолу гезитке жазып койсо жылдыз оорусу менен ооруп калышат, - деди Жанболот ойлуу.

- Мен сизге таңгалып турам.

- Эмнеге?

- Кызматтагылардын балдары өтө башка чөйрөдө болушчу эле, өзүн жан адамга теңебей, кылмыштын эң жогорку баскычын ошолор жасап жатканын угам, тескерисинче сиз башкача экенсиз.

- Туура таптыңыз, мени чоң ата, чоң энем бакты, алар абдан катуу болчу, ал турсун ата-энемди дагы тескеп, акыл-насаат айтып: "Кызмат колдун кири, бакыт тоголок, мээнет жалпак, кызматтан түшсөң түш, абийириңди түшүрбө", - дегенин уккам.

- Ошондой, болбосо чоңдордун балдары сиздей эмес.

- Байкагыч экенсиз.

- Сөздөрүңүз орундуу...

- Кеч болуп кетти, кайтсак кандай болоор экен?

- Жарайт, телефон номериңизди алууга мүмкүнбү?

- Ма-акул, - Алия жылмая телефон номурун берди да ордунан турду, экөө ээрчише ресторандан чыкканда түнкү саат ондор болуп калган эле, аны айткан дарегине жеткирип коюп анан:

- Алия, мүмкүн болсо жолугуп туралы, - деди Жанболот.

- Каалаганыңыздай болсун, - Алия күлө карады, - Бирок тез-тез эмес, досторго кээ-кээде гана, анткени мен турмушта адамдардан көңүлү калган аялмын, кээ бир адамдар сенин жүрөгүңдүн ооруганын ойлоп да коюшпай эрмектегиси келет, сизге рахмат, кичи пейил адамгерчиликтүү экенсиз, - деп колун сунду, - Жакшы барыңыз.

- Жакшы жатып жай эс алыңыз, - деп Жанболот Алияны узата карап турду да унаасын артка карай бурду: "Бой мүчөсү келишкен келин экен, кандай эркек мындай аялдарды кор кылат, кантип бактысыздыкка түртөт, жүрөгүн оорутуп көңүлүн оорутат, аттиң жакшы адамдын колуна тийсе бапестеп гана алып жүрчү келин экен, эми актриса болсо буга көз арткандар толтура болот го, кимдер гана колун сурабайт жанагы мыкчегерлер керек болсо экинчи аялдыкка же көңүлдөш болууга артынан сая түшүп байлыгын колко кылышат го", - деп ойлонуп баратты. Ал оюнда Алияны өзүнө түбөлүк жубай кылып алгысы келди, бир көргөндө аны жипсиз гана көрүнбөгөн сезимдер тушап алганын сезип турду. Апасына кеңешип көрмөк болду, Жанболот үйлөнө элек, жашы отуз бирде, ата-энеси үйлөн десе көңүлү келбей жүргөн. Өмүрбек далай далбастады, абройлуу кызматчыларга куда болмокко, бирок Жанболот болбоду, улуу агасы Бекболот эки балалуу болуп калган, ал дагы атасынын аркасы менен окуп-чокуп кызматка илээшип жүрөт, Өмүрбек пенсияда, Калыс өмүр бою экономист тармагында иштеп пенсияга чыккан, карындашы Астра дагы жакында турмушка чыкты. Жанболот үйүнө шырп алдырбай кирип өз бөлмөсүнө кирип кетти, чоң ата, чоң энесинин көздөрү өткөндөн кийин айылда Жанболот калам десе болбой коюшкан, бирок үйлөнгөн соң баары бир айылга барам деген ою бар...

Алия бөлмөсүнө келип жата кетти, Бермет экөө бөлүнгөндөн бери жалгыз жашайт, эми көзү илинип баратканда телефону шыңгыр этип көңүлүн бурду: "Мурат болуп жүрбөсүн, көлөкөдөй болуп ушунун азабы өттү", - деп ойлонуп караса Бермет экен, ал көптөн бери чалбай калган эле.

- Алло Бермет кандайсың? - деди уйкусурагандай түр менен, ары жактан кубанычтуу үн угулду, - Чынбы, куттуктайм курбум, кубанычыңа ортокмун, эртеңби ма-акул, барбай коймок белем, ансыз дагы сени сагынып сүйлөшсөмбү деп кол бошобой жүрдү эле. Жакшы болгон тура, бактылуу болгула, сөзсүз барам, саат канчада, болуптур анда, жакшы жат, - деп телефону өчкөндөн кийин ойлуу жатып калды: "Айдар - Айдар, туура чечимге келипсиң, экөөбүз баары бир бактылуу боло алмак эмеспиз, Бермет жакшы кыз, бактылуу болсун", - деп ойлонуп жатып Жанболот эсине түштү: "Абдан маданияттуу да, акыл-эстүү жигит экен, чоңдордун балдары ичип алып чалчаңдап, аңды-дөңдү карабай уят-сыйытты унутуп өздөрү билишет го, кыз-келиндерди болсо кол жоолукча көрүшпөйт", - деп ойлонуп жатып көзү илингенин билбей калды. Алияны улам бир киного тартылууга чакырганы менен кээ ролдор өзүнө жакпай калып баш тартып коюп жатты, үчүнчү киного тартылгандан кийин жолу болбоду негедир, ал турсун анын мурда түнкү көпөлөк болгону айтылып, кээ бирөөлөр аны көргөндө шыбырашып күлүп калышчу болду. Андайда ал өзүн сооротуп: "Качанкыга чейин айтышмак эле, баары бир кезде унутулат, менин дагы күнүм жаркырап тийет", - деген ишенимди туу тутуп алчу болду. Бермет менен Айдар баш кошуп баардык басылмалар аларды сүрөттөрү менен жарыялап чыгышты, анткени Берметтин тартылган кинолору элге жайылып белгилүү боло баштаган. Чынында Алияны Айдардан кызганган учурда Бермет аны тааныштарына жайып ийген эле, бирок кийин өкүнүп калды, ачыгын айтып кечирим суроого батынбады. Айдарга турмушка чыкканда Алия тоюнда бирге болду, аларга чын дилинен бактылуу болушун каалап көңүлдүү отурду, ошол убакта Алиянын чөнтөк телефону чырылдаганынан караса бей тааныш номур, отургандардан кичи пейилдик менен кечирим сурап сыртка чыкты:

- Алло, угуп жатам, бул ким экен? Аа-а Жанболот кандайсыз, ооба-ооба, мен тойдо отурдум эле, билбейм качан чыгаарымды, анткени курбумдун үлпөт тою да, кетип калганым болбойт го, макул анда, эртең кеч жолугалы, жарайт-жарайт, - Алия жылмая оор дем алып алды: "Бул менин түшүмдөгү чоң бакыт болушу мүмкүн", - деп толкундана ордуна келип отураарда кайра телефону чыр этти.

- Алло, а-аа сенсиңби Мурат? - Алия кайра сыртка карай чыгып баратып, - Мурат, мени туура түшүн, сага жолуга албайм, мен азыр Берметтин тоюнда отурам, жок-жок мени кечирип кой, сен экөөбүз баары бир бирге боло албайбыз, мени түшүн Мурат, - деди да өчүрүп салды. Мурат жинденип жанын коеорго жер таппай жатты: "Эмнеге, эмнеге ал мени сүйбөйт, мен анын өткөнүнө кайыл болуп үйлөнгөнү жатсам дагы тоготпой жатканын кара, эмнеге текеберленет, шашпа сенин буту колуңду таңып туруп алып кетемин, отурбаганыңды көрөм, ошондо тейтеңдей турган болсоң көрүнгөндүн алдына талпак кылып салып бербесем Мурат атым өчсүн", - деп сөгүнүп да алды. Той бүтүп Алия Бермет менен Айдардын үйүнө дагы кошо бар дегенине болбой калып калды. Эртеси Алиянын телефонуна белгисиз бирөө чалды, ала койгон Алия:

- Алло, бул ким экен? Ооба мен угуп жатам, кайда баруум керек, кандай роль? Түшүндүм саат канчага барышым керек? Макул барам, - деди да телефонун өчүрүп эми газга чай коюп жатканда эшиктин коңгуроосу чырылдап калды, жетип ача койсо Жанболот бетин гүл менен жаап туруптур, - Жанболот, бул-бул сизби? - деп Алия күлүп жиберди.

- Кандай сулуу кыз? - Гүлүн кош колдоп сунган Жанболот эңкейе калды, - Аткан таңың менен!

- Рахмат! - Алия бактылуу жылмая гүлдү алып үйдүн ичине кол жаңсады, - Кириңиз.

- Алия, эгерде туура көрсөңүз сиз дешпей эле сен-мен деп сүйлөшпөйлүбү, сиз-биздин ортосунда негедир тосмо тургандай болот экен.

- Сыйлашуунун белгиси эмеспи.

- Жок-жок Алия, кел экөөбүз сен-мен дешебиз, - Ичкери кирип келип эле аны ийинден алды, - Кана, ошентебизби?

- Болуптур, - Алия күлүп койду, - Кел отуруңуз.

- Жо-жо-ок, отур деп айт.

- Отур эми, жаш баладай экенсиңер.

- Дагы кетти ката, сен демейинче отурбайм.

- Отур Жанболот, тамак жасап жаттым эле, бирге тамактаналы.

- Мына эми, - Жанболот күлө орун алды, - Мындан ары сен деп гана айтып жүр макулбу?

- Жарайт - жарайт эми, - Алия дагы күлүп коюп ашканага кирип тамак алып келди, экөө бирге тамактанып отурду:

- Оов, тамакты абдан даамдуу жасайт экенсиң.

- Чын элеби же жөн эле көңүл улооңбу?

- Чын айтам, сенин тамагыңдан кийин башка жактан эчтеке ичким келбей калат го?

- Ырас айтасыңбы?

- Өлүп кетейин! - Колунан кармап калды.

- Койсоңчу, ишендим эми.

- Өмүр бою ушул колдоруңдан жасалган тамакты ичип сенин жаныңда болсом кана? - деди Жанболот колун бетине алып барып, - Алия, мен сага үйлөнүүнү сунуш кылам.

- Жанболот...

- Унчукпа, сени мен алда качан өзүмдүк кылып койгомун.

- Жанболот, сен үйлөнө элексиң, мен келинмин, - деп алып Алия: "Күйөөгө кайда чыктың эле десе эмне деп айтам", - деп тунжурай ойлонуп отуруп калды.

- Мен баарына кайылмын, кызга бергис жубан, атка бергис кунан бар дешет го, болгону сен макул десең болгону, ата-энем сенин ата-энеңдин алдына барышат Алия.

- Билбейм, эмне дээримди дагы билбейм.

- Алия, жүрү сыртка чыгалык, сен ойлонуп анан жооп бересиң, бүгүн эч жакка барбайсыңбы?

- Баруум керек, бир киного сунуш түшкөн, барып өзүм сценарий менен таанышып көрүшүм керек, - деп Алия дагы шашылып турганын билдире ордунан турду.

- Каерге барасың?

- Кыргыз киносуна...

- Ал кайда экен?

- Жибек жолунда.

- Аа-а, ошол жакка чакырдыбы?

- Ооба.

- Мен жеткирип коюп анан кетейин, - деп Жанболот сыртты көздөй жөнөдү, - Сырттан күтөм.

- Макул, тез эле чыгам, - деди Алия, экөө аздан соң жолдо кетип жатты, алар болжолдуу жерге жетип түшкөндө Мурат жол боюнда үч-төрт жигит менен турган, анткени ал дагы ошол киного тартылмак. Алиянын келгенин көрүп жанындагылардан бөлүнүп студияны көздөй жөнөдү: "Качсаң да жолугаар күн болот экен да, ушинтип эле беттешип калабыз", - деп студияга кирип баратып Алияны жеткирген унааны кайрылып карап: "Мунусу ким болуп кетти", - деп саал ойлонуп турду да кирип кетти. Алия жаңы гана сценарий жөнүндө режиссер Алиевдин айтканын угуп отурган, Мурат кирип келгенде Алия тура калды:

- Мына - мына бул жигит дагы келип калды, сиз менен үй-бүлөө болуп аткарчу жигит, Мурат Касымов, - деп Алиев Муратка карай колун жаңсады, - Таанышып алгыла, бу кыз Беккулова Алия.

- Кубанычтуумун! - Мурат сыр билгизбей колун сунду, - Мурат.

- Алия, - деген Алия бир азга эмне кылаарын билбей туруп Алиев Алтынбекке карады, - Кечиресиз, мен бул ролду аткара албайм!

- Эмнеге? - Алтынбек ага таңгала карады, - Эми эле жакшынакай сүйлөшпөдүк беле?

- Кечирип коюңуз, мен кетүүм керек, - деди да эшикти көздөй жүгүрүп жөнөдү.

- Алия! - деп Мурат анын артынан жүгүрүп жөнөгөндө режиссер таңгала ийин куушуруп туруп калды. Алия жүгүрүп чыгып жолдо кетпей турган Жанболотту көрүп жетти да:

- Жанболот, бол тез кеттик! - деп шаштырды артка отуруп алып, аны көргөн Жанболот унаасын ордунан жылдырды.

- Тынчылыкпы деги, эмне болду? - деди да студиядан жүгүрүп чыгып келе жаткан Муратты көрдү, бирок аны көрүп тааныбады, бирок бир нерсе болгонун сезди, ашыкча суроо бербеди, ансыз да жоопсуз калган суроосун кайталабады, - Кайда Алия?

- Үйгө, - деди мисирейген Алия.

- Бирөө капаланттыбы?

- Жок, - деп маңдайкы күзгүдөн карап артын шарт карады, алардын артында Мураттын унаасы келе жатканын көрүп, - Жанболот, тезирээк айда, арттагы машинаны көрдүңбү? - деди.

- Келсе келет да, мен аны менен сүйлөшүп койбоюнбу?

- Кереги жок, ал менин жашаган жеримди көрбөшү керек, - деди улам арт жакты кылчактай карап.

- Алия, андан эмнеге коркосуң?

- Коркпойм.

- Анан эмнеге?

- Жөн эле, ал мени менен бирге ойномок экен.

- Анын эмнеси жаман?

- Башка иш бар, үйдү билбеши керек, башка жакка айда.

- Жарайт, - деп Жанболот жол чыракка токтогондо башка жолго бурулду да андан дагы бир кууш көчөгө кирип далдоого токтотту, Мурат беш-алты унаадан кийин келе жаткан, алардын артынан кайда кеткенин билбей: "Качып кетишти, Алия - Алия менден эмнеге качасың, эмнеге...", - деп рулду колу менен муштап четке токтотуп отуруп калды. Жанболот өзү жумушунан кечигип жатса дагы кайрадан айдап чоң жолго чыгып Алияны өз батирине жеткирди.

- Рахмат, бирок менден азыр эчтеке сураба, - деди Алия.

- Жарайт сурабайм, бирок бир айтаарың бар.

- Албетте, айта турган убакыт келет.

- Жакшы эс ал, мен жумушума кеттим, кечинде келем.

- Жанболот, эмнеге кетпей күтүп турдуң? - Алия кайрыла калып суроо узатты, - Мен сени кетип калды го деп ойлогом.

- Сенин кайра чыгаарыңды билгемин Алия, - Жанболот күлүп койду, - Калган сөздү кечинде сүйлөшөбүз ээ?

- Кечир, убактыңды алдым.

- Эчтеке эмес, сен үчүн убакыт эмес эч нерсемди аябайм, - деди да Жанболот унаасын айдап баратып колун көтөрүп коюп жөнөп кетти. Алия жылмая карап ал бурулуп кеткенче карап турду: "Мен сени гана сүйөм, эгерде сен менин кадырыма жетсең мен дагы сени сыйлап уза-ак-узак бирге жашайбыз, бактылуу болобуз, сен эмне десең мен баарына макулмун", - деп ойлонуп кыялдана бактылуу жылмайып алып бөлмөсүнө кирди. Ошол убакта телефонуна кат түшкөн белги келди, ала коюп караса Мураттан экен: "Алия, мен сенин көңүлүңдү калтырдымбы, эмнеге анчалык жек көрүп качасың, менин күнөөм сенин өткөнүңө, сойку болгонуңа карабай үйлөнүүгө баш байлаганымбы, эгерде дагы менден качсаң жакшылык күтпө!", - деп жазыптыр, окуп алып Алия ызасынан ыйлап отура калды: "Мен сени сүйбөсөм кантип макул болом, сен эмнеге түшүнбөйсүң, экөөбүз жашай албайбыз, азыр ошенткениң менен баары бир айтып чыгасың, мен сени билип турам, коркутканыңдан эчтеке чыкпайт Мурат. Эгерде мени сүйгөнүң чын болсо жөн гана бакыт тилечи суранам, мен ал жолго аргасыз баргамын, бир жылдан кийин кеткемин, кечир мени Мурат", - деп кайра жооп жөнөттү. Аз өтпөй кайра: "Сойкуда жүрөк болбойт дегенди уккамын, көрсө сен тубаса сойку экенсиң да, сен эч качан, эч кимди сүйө албайсың, эгерде башка бирөөнү сүйөм деп айтсаң мен сага түшүнмөкмүн, жакшылыкча жолугуп ачык айтпайсыңбы", - деп жооп келди. Алия ойлонуп отуруп: "Кош Мурат, мени кечир, мен чындап башканы сүйөмүн", - деп жиберди да телефонун өчүрүп жатып алып ойлоно берди, анан уйкуга кетти. Эртеси кечке турбай жата берди, телефонун дагы иштетпеди, тамак да ичпеди, ата-энесин, бир туугандарын ойлонуп, сагынганынан ыйлады, айрыкча атасын көргүсү келди: "Мен сөзсүз барышым керек, эл айтса айта берсин, атамдын акыбалын билбесем болбойт", - деп ордунан турду. Таксилер кайсы убак болбосун кете беришет эмеспи, жуунуп өзүн ирээтке келтирип алып бир аз шам-шум этип алып эми сыртты көздөй жөнөгөндө эшик чыр этти, Алиянын жүрөгү болк этип алды: "Мурат келип калган жокпу", - деп ойлонуп:

- Ким? - деди үнүн пас чыгара.

- Алия, бул менмин, - деген Жанболоттун үнү угулганда көңүлү жайлана түштү, - Кандайсың?

- Аа-а, кел-кел, - Ыңгайсыздана калды.

- Эмне болду, бир жакка жөнөп жатасыңбы?

- Ооба, айылга барсамбы дегем...

- Алия, мен сенден жооп болсо ата-энеңдин алдына баралы дедим эле, атамдар үйлөн деп шаштырып жатат.

- Жанболот, мен адегенде үйгө барып кеңешейин.

- Макул, мен өзүм жеткирип, көрүп кайтайын.

- Алар көрсө эмне дейт?

- Мен көрүнбөйм да.

- Макул анда.

- Бүгүн эмес, мен азыр сени бир жерге алып барамын, экөөбүз тамактанып, сейилдеп кайтабыз, эртең эртелеп чыгалы кандай дейсиң? - деп Жанболот Алияны колунан алып өзүнө тартты, - Мен сени менен түбөлүккө бирге болгум келет Алия.

- Мен дагы...

- Кана калган сөздү кийин сүйлөшөбүз, даярсыңбы кеттик.

- Даярмын, - деп Алия күлүп калды.

- Кеттик анда, - Жанболот Алияны колдон алган бойдон сыртка карай жөнөдү. Экөө аерден чыгып унаага отурушту да жолго чыгышты, Жанболот баягы ресторанга алып келди, алар төр жагына кол кармаша өтүп баратканда төрт- беш адам менен отурган Мурат аларды көрүп калды:

- Токто-токто! - деди жанындагы бакылдап жаткан немени, анан карап отуруп калды, эч нерсени байкабаган алар орун алышкан соң бет маңдай отуруп бактылуу болуп күлүп сүйлөшүп жатышты, үстөл үстүндө колдору кармашкан, буларды көрүп турган Мурат эмне кылаарын билбей тура берди. Бир кезде аны кандайдыр бир күч эрксиз ордунан тургузду, ал туруп алар отурган үстөлдүн жанына келип эки колу менен үстөлдү таяна эңкейип экөөнү карап калганда Алиянын эмелеги бактылуу жаадыраган жүзү босоро жүрөгү дирилдей тура калды.

- Эмне керек жигит? - деди Жанболот ага карап токтоо гана.

- Мага бир-эки мүнөткө бул кыз менен сүйлөшүүгө уруксат бериңиз, - деди Мурат какшыктай кыжырланган кейипте.

- Ал кызда кандай жумушуң бар, кыздарга мындай мамиле кылган болбойт.

- Мурат, бас кеттик, - деп чогуу отургандардын бири келип аны карыдан алды, - Бул жерде болбойт.

- Кое бер, - Мурат кызуу экен, колун андан булкуп бошотуп алды, - Чоң кыз, бир мүнөткө сүйлөшсөк, бир түнгө макул болоорсуң?! - деп Алияга кайрылганда ал аны өзүн чымыркана токтоо кармап жаакка чаап жиберди:

- Акмак, сенин ушундай адам экениңди сезип качып жүрөм, мени мазактаганың үчүн жооп бересиң! - Ыйлап жиберди, ошол убакта ары жактан кароолчу милициялар жетип келип Муратты алып кетишти.

- Болду Алия, ыйлаба эми, - деп Жанболот Алияны тынчтандырып жатты, - Алия, капаланбачы эми.

- Жанболот, менин кетким келет.

- Тамактаналы.

- Жок, жүрөгүмө эч нерсе барбайт.

- Анда башка жерге баралы, - деп алар туруп баратканда буйрутманы алып официантка келди, - Чоң кыз, биз кетип жатабыз, - деп Жанболот кичи пейилдик менен кечирим сурады.

- Макул, - деди да официантка кайра көтөрүп кетти. Алар ээрчишип чыгып баратканда Мурат алардын артынан жөнөдү эле жанындагылар крамап калышты. Жанболот жолдон башка бир кафеге токтотту.

- Жанболот, менин эч нерсеге көңүлүм жок, мүмкүн болсо мени үйгө жеткирип койбойсузбу? - деди Алия.

- Бир аз өзүңө кел, капаланганга ошентип жатасың го? - Жанболот Алияны ой-боюна койбой түшүрдү, экөө тамактанышты, көпкө отуруп Жанболот Алияны күлдүрмөккө аракет кылып сүйлөсө да сумсайып бир өзгөрбөдү.

- Жанболот, - деди көптөн кийин, - Мен сага маанилүү бир сөз айтуум керек.

- Азыр андай сөздүн кереги жок, башкысы сенин көңүлүң ачылып кетсе болду, - Жанболот ушинткени менен: "Эмнеге бир түнгө макул болоорсуң деди, мурда сойку болсо керек, балким андай эместир, ал дагы ашык болгондур, ашык болуп сүйүп калуу айып эмес го, мейли өзү айтып берээр", - деп ойлонуп жаткан эле.

- Жок Жанболот, сен сөзсүз угушуң керек, болбосо кеч болуп калат, сен мага үйлөнүүнү сунуш кылдың туурабы? - Алия Жанболоттун көздөрүнө тике карап үстөлгө өбөктөй отурду, - Мурат мени менен биринчи кинодо кыз-жигит болуп ойногон, ошондон кийин ал мени сүйөм деп артымдан калбай келет, менин каршы болгонума дагы карабайт, үйүнө алып барып дагы тааныштырган, эмне кылаарымды билбей батиримди алмаштырдым телефон номурумду алмаштырсам таап алыптыр, кечээги чакырган студияга барсам дагы аны менен аткаруума туура келгендиктен качып кеткемин, ошого ачууланып жатат...

- Сүйүп калуу айып эмес Алия, сендей сулууну сүйгөн адам бактылуу, бирок жетпей калса арман-азап менен бирге жоо болууга алып келээри бышык, андан башка эч кандай айыбың жок болсо болду, - деди Жанболот өзү баштаган сөзү ары карай улап, кыздын сырын терең билүүгө далалат кылып.

- Ооба, сүйүп калуу айып эмес дечи, өзүң каалабасаң зордук менен сүйдүрүүгө кантип болсун, ырас болбой кафеге алып барып, мени менен көбүрөөк бирге болууга тырышты, айтпай туруп үйүнө алып барды, бирок менин келин экенимди билип үйлөнөм дегенде качып жолукпай койдум, мен ошол үчүн да күнөөлүүмүнбү? - деди Алия көзүн жашылданта.

- Жок Алия, сенин күнөөң жок, анын дагы күнөөсү жок экен, махабатка мас болуп, аягы жек көрүүгө айланганы жаман, эми сен менин суроомо жооп берээрсиң...

- Кандай суроо болсо дагы жооп берейин.

- Күйөөңдөн кандайча кеткенсиң?

- Мм, - Алия оор дем ала саамга ойлуу отуруп калп айтууга бел байлады, баарын дилинде ойлонуп анан, - Мени ала качып кеткен, бир айдан соң качып баса бергемин, анан ал күйөөм кийин мени көрүп калып Муратка жолугат да: "Бул сойку, байкабай ала качып алгамын, эми актриса болом деп далайдын башын айлантып төшөгүндө туйлап, өңү менен жагып жүргөндүр", - деп айтыптыр...

- Демек ызаланган, ал да эчтеке эмес, эмесе өзүбүзгө келели, эртең сени ата-энеңе алып барам да, анын эртеси биз барабыз, ошол жерден алып кетебиз, - деди Жанболот чын пейилден, ал чынында Алияга кандай болсо дагы үйлөнүүнү чечип койгон, анткени махабат деген күчтүү сезим ошол анын көзүн байлап Алиядан алыстоого, андан бөлүнүүгө кудурети жетпейт болчу. Ошентип түнкү он бир-он экилерде үйүнө жеткирип кайра кетти, эртеси эрте келди, Алия ата-энесине белек-бечкек алып ага-жеңесине чалып, баарысын эртең айылга баргыла деп койду да Жанболот менен айылга жөнөдү. Ал келгенде Беккул оорудан жаңы гана сакайып басып жүргөн, Зуура чоң сумка көтөрүп кирип келген Алияны көрүп акырая карап алды да:

- Ийи, келген экенсиң акыры? - деди кекете.

- Зуура, эми келген баланын жанын коесуңбу, бул сага эмне кылды? - деп Беккул кызын коргологон болду.

- Ооба, эки-үч жылдан бери сойку болуп жүргөн кызыңды корголоп эмне табасың, кайсы арыңа анын таламын талашасың, элдин бетин карай албай калдык го?

- Ошого сен күнөөлүүсүң, жаш кызды үйдөн кубалап чыккан.

- Ооба, ар кимге мен салып бердимби?

- Апа, кудай жалгагыр болду! - деп ыйлап кыйкыра ордунан тура калды Алия, - Мен атамды көргөнү сагынып келдим!

- Эми эсиңе келдиңби? - деп баштыктагы кийимдерди алып чыгып жатканда саамга карап туруп анан кайра өчөшкөнүнөн өч алчудай кайра кычаштанып сүйлөп кирди, - Арамдан тапкан акчаңа алып келдиңби? - деди мурдун чүйрүй.

- Эч кандай арам акчага алып келген жокмун, мен сойку эмес актрисамын апа!

- Ики, кыйратып ийгендирсиң, - Ээрдин түйрүй карады.

- Ата, - деди Алия ага көңүл бургусу келбей, - Эртең үйгө коноктор келет, агамдарды чакырып койдум, уяттуу кишилер келет, үйдү ирээтке келтирүү керек.

- Кайдагы немелер экен, эми сени үйдөн сатып алганы келе турган болдубу? - деди Зуура душманына сүйлөгөндөй кычаштана.

- Болдубу Зуура, келет дегенден кийин келет да, андан көрө үйдү актат бирөөнү чакырып, - деди Беккул өктөм, - Кызым, - деди кайра Алияга кайрыла, - Алар кимдер, эмнеге келет?

- Ата, алар мурдатан кызматта жүргөн кишилер экен, баласы менин колумду сураганы алып келет, агасы азыр минздравда министр, Жанболот дагы кызматта турат, келишип мени алып кетишет, болгону эки күн ата, сиздин жаныңызда эки гана күн болом! - деп солкулдап атасын кучактап ыйлап жатты, - Эки гана күн ата, туулуп өскөн үйүмө өзүм батпай калдым, апам болгондо мындай болмок эмес ээ ата, айтчы ушундай болмок эмес дечи?! - Шолоктоп токтоно албай жатканда коңшусу, өз апасынын бир кездеги курбусу Шааркан кирди:

- Алия келди деп угуп эле келе калдым, үйдө элеби?

- Кайда кетмек эле, жабышкактай болуп жоголбой келип калыптыр, - Зуура жактыра бербей ээрчий кирди.

- Ботом келбегенде эмне кылат, өз үйү - өлөң төшөгү, ата-энеси турса каякка бармак эле? - Шааркан дагы ага атайын айтт.

- Атасын кыйратып койду дейсиңби, шаарда темселеп жүрүп жай таппаганда келди да.

- Ой Алияны кинодон көрдүм, балдар алып келген экен кубанбадыкпы, тим эле жакшы ойноптур айланайын, - деген Шааркан Алия менен Беккул отурган бөлмөгө кирип келди, - Кел кызым, аман эсен келдиңби айланайын? - деп Алияны өөп учурашты, ошондо ал токтоно албай ого бетер буркурап жиберди, анык кичине кезинде дайыма Шааркан келип: "Байкуш Акылайдын эле өзүнө окшошсуң", - деп мээрим чача ыйласа сооротуп калчу, эми анын жылуу сөзүнө эрээркеп өз энесин көргөндөй ыйлап жатты, - Кой кызым, эми сен чоңойдуң, биз сени көрүп алып баарыбыз сыймыктанбадыкпы, эми сен чоң кишисиң, гезитке дагы чыгыпсың, садага болоюн десе, - деп Шааркан аны сооротуп кадимки өз энесиндей чачтарынан сылап эркелетип чекесинен сүйдү.

- Апа, апаке! - Алия ого бетер солкулдады, - Менин кайсы күнөөм үчүн үйдөн кубалады, апама окшоп сулуу жаралганым үчүнбү, ошону үчүн мени жазалыгысы келдиби, апамдын үйдө бир дагы сүрөтүн калтырбай тытып жок кылганы эмнеси? - деди көптөн кийин соолуктай.

- Кой кызым, атаңды ая, эми жок дегенде атаңар маңдайыңарда аман жүрүп силердин жакшылыгыңарды көрсүн, Зуура деле эстүү аял, баланы анча-мынча какыс-кукус кылат, аны көтөрүп кой кызым, - деп сыйкай сүйлөдү.

- Шааркан апа, эртең үйгө абдан уяттуу адамдар келет, мени алып кетишет. Жолдон эле кетким келбеди, - деди улутуна Алия.

- Кокуй анда камынгыла.

- Мен ошону үчүн келгемин, болгону эки гана күн болом апа.

- Айла-анайын, бактылуу бол, мен эки баланы жиберейин, үйүңөрдү актап даярдаганга жардам берсин.

- Ооба, ошентиңизчи апа, - деп унчукпай калды, Зуура эми гана ишенгендей уялгандай сыртка чыгып кетти. Ошол күнү Алиянын эки-үч классташы келип учурашып аны куттуктап жатты, алар анын турмушка чыгаарын укканда алар дагы жардам берип эшиктерин тазалап киришти, Беккул мал-салын алдырып, дүкөндөн дасторконго кое тургандарын алдырып кызуу даярдык көрүп жатканда эки агасы менен эжелери үй-бүлөөсү менен келип калышты. Азыр телефон деген неме чыгып алысты жакын кылып байланыштырып койбодубу. Алар угуп өздөрүнчө Алияга кийим-кечек алып келип, конокторду тосконго даяр болуп жатып калышты, эртеси эрте туруп төркү бөлмөгө дасторкон жайышып күтүп калганда түшкө жакын үч машина келип эшигине токтоп салабаттуу, кычыраган аял-эркектер түшүп үйгө карай басканда тосуп алышты. Ошентип Алияны ошол күнү эле той көйнөгүн кийгизип жасалгаланган унаага отургузуп алып кетмек болду, Жанболоттун атасы Султаналиев Өмүрбек кудасы менен сүйлөшүп калың берип албай эле үлпөт тоюнун өтөөр күнүн белгилеп ата-эненин мээнети деп элүү миң сомду Беккулдун колуна берип кетти. Зуура ошондо ич күйдүүлүк кылып: "Дегеле сойкунун багын кара, ушундай бактыга туш болуп калганын кара", - деп колунан келсе түш жарым күндүк жарыктыкты ыраа көргүсү келбей элдин көзүнчө билгизбей жүрдү. Алия кетээрде атасын бекем кучактап алып:

- Ата, мени кечир, көп сөз айттым, кыз өз үйүнө коноктой гана жашап кетет экен, менин ушул бактылуу күнүмдө апам болбогонуна арманым күч болду, эң жакшысы өзүңдүн барың ата, ак батаңды мага бер! - деди солкулдай, анын үстүндөгү аппак көйнөгү желге желбиреп, башындагысы атасынын жүзүнө улам тийип жатты, артында классташы Айнура көйнөгүнүн этегин көтөрүп кошо бармак болуп даяр.

- Кызым, менин ак батам качан болсо сени менен бирге, ар дайым сенин бактылуу гана жүзүңдү көрүп турсам экен, үйдөн кетип баратасың көз жашыңды токтотуп жадырап жайнап чык кызым, - деп Беккул дагы көзүнө жаш айлана кызын маңдайынан өптү, эки агасы, эжелери менен жеңелери, жезделери коштошушкандан кийин Шааркан келди.

- Бактылуу бол садага, ылайым башыңдан бакыт кетпесин, ырыс-кешиктүү болуп барган жериңден бакыт тап, - деп чекесинен өөп бекем кучактап анан унаага отургузду, Зуура аларды алыстан карап турду, жанына келип бир ооз жакшы сөз айтууга жарабады. Той болоор күндү тактап жолго түшүштү, Алия ойлуу: "Менин тарткан азабым ушуну менен бүттүбү же дагы жаңысы чыга калаар бекен, жыйырма бешке чыкпай жатып сексендеги кары адамдай баарына бышып калдым, эми Жанболоттун үй-бүлөөсүнө кандай болуп көнүшүп кете алаар экенмин, кандай кабыл алышаар экен", - деп улам Жанболотту көз кыйыгы менен карап коюп келе жатты. Айнура болсо эч санаасыз Жанболоттун досу Алик менен сүйлөшүп келе жатат. Аларды шаардан Бермет менен Айдар күтүп алмак болушуп телефондон байланышып дал алдынан чыгып токтотушту да жол боюнан эле шампанский аттырып экөөнү куттуктап жатты, Айдар чынында Алияны катуу сүйгөн, баягы үйүнө кеткенде ата-энесине барып айтканда: "Беккулдун сойку кызын алам десең ошондон ары кете бер, үйгө келбе, топурагыбызды түйүп беребиз", - деп койгондон кийин аргасыз Берметке үйлөнгөн. Эми анын бактылуу болушун гана ойлоп аларга чын дилинен бак-таалай каалап Бермет экөө бакылдашып аларды ресторанга чакырды, аерде музыка менен ырчылар күтүп туруптур. Жанболот ата-энесин кетирип коюп өзүнүн достору, Айдарлар болуп түнкү бир-экилерде гана үйүнө келишти, туугандары аларды күтүп жатышкан. Ошентип Алия турмушка чыкты, бир жумадан кийин эле ага гезиттерден келе баштап Жанболот экөөнүн үйлөнгөнү тууралуу сүрөттөрү менен жазып чыгышты. Аны көргөндө Мурат жинденип ачуусун, арманын арактан чыгара баштады, ошондон баштап ишин да таштады, күндө ичип түн бир оокумда келет. Батийна аны эртең менен сүйлөшөм дегени менен таң атпай таппай калчу болду, унаасын айдап кетип калды. Ошондон кийин ал бир жумадай үйүнө дагы келбеди. Ал өзүнөн-өзү өч алгысы келди, ичип кызып бир кафеде отурса анын жанына бир кыз өзү тийишип келип:

- Жигит, көңүл ачкыңыз келбейби? - деди көкүрөгү көрүнүп турган төшүн ага көрсөтө эңкейип.

- Ачкым келет, канча турасың?

- Анчалыкка барбаңыз, жөн гана сурадым, эгерде кымбат турсам кантесиз? - деди кыйшаңдай жанына отуруп, - Балким бирдеке буйрурсуз?

- Албетте, болгону бааңызды билгим келет.

- Кымбат эмес, бир түнгө миң сом, - Күлүп койду.

- Эчтеке эмес, - Мурат официантканы чакырды, - Келип кетиңизчи.

- Кулагым сизде.

- Бир бөтөлкө арак, анан закуска.

- Менин тамак ичким келип жатат, - деди тигил ага.

- Жарайт, бир порция тамак, - Мурат тигиге карады, - Эмне ичесиң өзүң айт.

- Манты болсо, анан дагы шорпо.

- Болуптур, каалаганын бер! - деп койду Мурат, - Атың ким?

- Зуля, жөн гана Зуля дей бер.

- Жарайт, - деп көзүнүн кыйыгы менен карап туруп Алияны эстеди: "Ал эч качан сойкуга окшошпойт, жаңылыш болсо керек, ар бир кыймылын көргөнүм менен аны эч окшото албадым, Алия сен мени жактырбадың, сени мен кандай гана сүйдүм эле го, сенин мүнөзүң мени ууландырып кайра өлтүрдү, кантип унутам", - деп ойлонуп эки стаканга арак куйдурду, - Кел алып коелу.

- Алса алып коелу, ден-соолук үчүн! - деп күлө карады. Экөө тамактанып бүтүп сыртка чыгып унаасына отуруп жөнөп кетишти, Мурат Зуляны мейманканага алып барып ал түнү бирге болду, бирок улам эсине Алия келе берип ага анча бериле албай кайра кыжыры келип туруп алды: "Мен Алиягы тең эмесмин, сойку дегендер кайдан чыкты, эгер мен сойку дегенди укпаганда Алияны ирээнжитпес элем го", - деп ойлонуп алды да таң ата туруп жуунуп алып үстөл үстүндө турган грил менен толгон тамак-ашты көрүп:

- Зуля, булар кайдан келди? - деди таңгала.

- Сен алып келдиң, рахмат мени абдан жакшы сыйладың.

- Эмне? - Мураттын жини келип кетти, - Сен ошончолук ыраазы болдуңбу? - деди, анын кумсарып кеткенин көрүп Зуля коркуп кетти.

- Эмне болду, андай ичиң ачышса көтөрүп кет, желбей эле турат, - Зуля ошенттти дагы жарым бөтөлкө аракты алып стаканга куюп жутту, - Мага азыр мындан башкасы өтпөйт,

- Токто, бир аз ачууланып кеттим, кааласаң сыртка чыгып эс алып келели, - деди жер карай, чынында Мурат өзүнүн эмне болуп турганына көзү жетпеди, ушул азыр сойкулардын баарын бирден кырып таштагысы келип турду, - Баарын сал, аракты жолдон алабыз, - деди да чыгып кетти.

- Ма-акул, - деген Зуля үстөл үстүндөгү тамактарды чогултуп салып жатып арактан дагы жутуп алды, ал бүгүнкү күнү жашоосундагы акыркы мүнөттөрү экенин сезбеди, тек көңүл ачып ушул берешен да жаш жигит менен кумарга батууну каалап көтөрүнө сыртка чыкты. Алар саат ондор чамасында шаардан чыгып Ала-Арча паркын көздөй сызып кетип жатты, кетип жатып Мурат Алияны көз алдына элестетип Жанболот менен үйлөнгөнүнө ичи ачышып кетип жатты. Ээн талаага келген кезде тоонун бир жерине барып токтотту да өйдөлөп барып отурушту. Мурат улам Зуляны караган сайын Алия эсине келип улам арактан жутуп жатып мас болуп калды. Кечке маал эч нерсе билбей калганда экөө жерге төшөк салып жатмак болгондо Мурат Зуляны түртүп ийди:

- Жоголчу көзүмө көрүнбөй!

- Эмне, алың жетпей калдыбы? - Зуля каткыра ага кайра жабышты, - Бул жерге сен экөөбүз тең көңүл ачканы келгенбиз.

- Сенден жийиркенем, - деп өзүн кармап жатып алды.

- Жийиркенсең эмнеге алып келдиң? - Сыйпалап кирди, - Мен сени каалап турам Мурат, - Жатып алып өпкүлөй баштаганда түртүп ийди, - Жогол дейм!

- Эркексиңби, эмнеге мени мазактайсың?

- Эркектигиме асылба!

- Чыныгы эркек антпейт.

- Эмне-е?! - Мурат тура калып анын кекиртегинен кармап муунтуп кирди, - Сендей сойкуга кор болгум келбейт, эн-неңдурайын сойку, жалап, мага сөз кайтарууга жарап калдыңбы? - деп ачуусу менен кармап колу карыша анын тыбырчылаганына, колу менен колун бошотууга аракет кылганына карабай сөгүнүп-сөздөп бир колу менен башка-көзгө койгулап жатып көптөн кийин катуу түртүп ийди. Зуля эси ооп калган бойдон башы ташка тийди да былк этпей калды, Мурат кайра жатып уктап калды, түн бир оокумда ойгонуп алып башы зыңгырап ооруганынан чеңгелдей кармап алып даарат ушатканы туруп баратып чалынып кетип караса Зуля экен:

- Эн-неңди тур! - деп тээп ары барып кайра келди, дагы эле кыймылдабай жаткан аялды көрүп чоочуп кетти да чөнтөгүнөн зажигалкасын алып чыгып жарык кылып караса көздөрү ачык, - Турбайсыңбы! - деди эле дале кыймылга келбеди, эңкейип жарык кылып жаакка чапкылап көрмөк болуп чоочуп кетти, анын денеси таштай муздак болуп катып калган эле. Коркуп алды артын карабай жөнөдү, унаасына жетип айдап жөнөдү, көз алдында Зуля: "Эс алса кетет да", - деп ойлонуп кайра бир ой аны силкинтип ийди: "Өлүп калган болсочу", - деп эмне болгонун эстей албай жатты. Шаарга келгенче таң атып кетти, өзүн токтото кафеге кирип тамак сурады эле даяр боло элек экен, анан жүз грамм алып ичти, саал отуруп дагы ичти, бир аздан соң күн төгүп жиберди, чарт-чурт этип чагылган тарсылдаганынан улам чыккысы келбей отура берип кайра мас болуп калды. Кечинде үйүнө барганда өтө кызуу эле, эч кимге сүйлөбөй өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Бул бала соо эмес, - деди Келгенбай кемпирине карап, - Эмнеге ичип жүрөт мынча?

- Кайдан билем, жанагы кыздан улам го?

- Кыздар толуп жатпайбы, бир кыз деп өзүн курмандыкка чалабы?

- Уулуңдун сырын билесиң, аны айтсак болбоду, муну айтсак болбоду, бирөөнү жактырып көңүлдөнүп калса анысы эрге тийип кетиптир, - деди Батийна, - Мен сүйлөшөйүн деп такыр эбин келтире албадым, сен атасысың, катуураак айтсаң боло?

- Соолуксун, - деп койду Келгенбай.

- Соолуксун деп мен дагы күткөнүм менен жолукпай качып кетип жатпайбы? - деп кейий карады, - Минтип жүрсө адам катарынан чыгып калат го бул.

- Кам санаба кемпир, мен Муратты билем, ачууну ачуу менен басмак болуп жүргөн го, акырындап өзүн колго алат, - дегени менен Келгенбай ичинен сары санаа болуп жатты. Эртеси кемпир-чал эртелеп туруп алып Муратты акмалап турушту, ал туруп акырын эч кимге көрүнбөй кетип калмак болуп чыгып келе жатканда:

- Балам, эртелеп кайда жөнөдүң? - деди Батийна.

- Ишим бар апа.

- Ишиң токтой тураар, кел бери! - деди Келгенбай ага сес көрсөтө, - Үй-бүлөө күтпөй, бала-чака көрбөй жатып өзүңдү ушунча кордогудай эмне болду уулум?

- Ата, кийин сүйлөшөбүз, мен кетем! - деп Мурат дарбазаны ачып унаасын ачып жатканда Келгенбай:

- Кетсең экинчи үйгө келчү болбо, унут ата-энеңди, бир туугандын бар экенин! - деди эле башын шылкыйта туруп калды.

- Ата, мени жайыма койгулачы.

- Анчалык эмне болду, жаман киши сырга, ай санаага бат алдырат, мен сени батыл, көтөрүмдүү деп ойлоочу элем, көрсө эң чабалы да, жеңил ойлуусу да турбайсыңбы, бир кыз деп өз өмүрүңдү тобокелге салып баткакка баткан экенсиң го, ал кыздын ушуга татыктуу же татыксыз экенин билесиңби?

- Ата, кийин сүйлөшөлүчү.

- Отур деп жатам!

- Акырын, анча катуу кетпе, - деп Батийна чалына шыбырай нукуду, - Алдап соолап жакшы айтсаң боло.

- Атаңдын оозу-гурайын десе, бир кыз үчүн өлгүң келдиби ыя?

- Мурат, кел балам, жок дегенде чай-пай ичип алып чык, - деди Батийна ага жалбара, - Кел отур уулум.

- Отур деп жатам ай бала! - дегенде Мурат сөрүүгө келип башын шылкыйта отуруп калды, - Эсиң барда этегиңди жап бала, өзүңдү-өзүң ушунчага алып келгидей эркиңдин боштугу да.

- Ата...

- Үнүңдү бас, эртең Садыктыкына барабыз, сени эртелеп үйлөнтпөсөк бузулуп жолдо каласың го?

- Үйлөнбөйм.

- Эмнеге?

- Көңүлүм жок.

- Эң сонун үйлөнөсүң, мен айтканга каршы болсоң азыр чыгып кете бер! - деди эле Мурат туруп жөнөдү, унаага отуруп алып айдап дарбазадан чыгып кетти. Атасы да, энеси дагы бирин-бири караган бойдон кала беришти, Мурат эми дагы башканы ойлоп жаткан: "Эгерде Зулянын өлүгү табылса мени сөзсүз чакырып алат, ал эми билинбей калса мени чакырбайт, мен эмне болуп эле бара жатам, ал эмне болду экен, балким тирүүдүр, шаарга келген чыгаар, эмнеси болсо дагы баш жазып алайын, башка ичпейм, атам туура айтат, өзүмдү-өзүм пас кылганым болбогон иш, чынында жеңилдигим ушул го", - деп ойлонуп барга кирди да пиво менен жүз грамм алып, шашлыкка буйрутма берди. Жалгыз ойлуу отуруп улам жүздөн ичип отуруп кызып калды, бардан чыкканда көздөрү ала-чакмак болуп калган, унаасын эптеп ачты да айдап жөнөдү, жол тыгын болуп турганда көзүнө бирөө эки көрүнүп жол жээгине чыкты да отурган жеринде уктап калды. Канча уктаганы белгисиз, бир кезде терезесин такылдаткан үндөн ойгонуп караса бир кыз туруптур, зорго көзүн ачып эшигин ачты:

- Эмне керек?

- Таксиби?

- Жок! - деп эшигин жаап кайра жатып алды.

- Жинди го, - деген кыз ары басып кетти, кечке маал ойгонгон Мурат көзүн ачып күн батайын деп калганын көрүп: "Мен ичпейм дебедим беле, баягы артисттердин, бир гана күн ичкем, калганы баш жазмай, дегени чын окшойт, эми кантип арылам, үйгө барбай эле коеюн", - деп ойлонуп унаасын жолдон алыс бак ичине айдап барды да жатып алды, бирок башы зыңылдап ооруп тынч ала албай бир кезде жакын арада дүкөн болду бекен деп эки жагын каранды, алыс эмес жерде камок турганын көрүп барды да бир бөтөлкө арак, суу колбаса алып келип алып кайрадан соолугуу үчүн баш жазып кирди. Эртеси аны милиция ойготту.

- Бул жерге турбаңыз, - деди ал.

- Эмнеге?

- Болбойт дегенден кийин болбойт.

- Мына, азыр кетем, - Мурат унаасын айдап жөнөдү, аны түндө келбей калганы үчүн санааркап отурган эле ата-энеси, аны түк ойлонбоду, кайрадан ичип үйүнө барбай ээн талаага барып унаада уктап кайрадан ичип жүрүп бир жума өтүп кетти, сакал-муруту өсүп кетти, жанында акчасы да калбаптыр, эмне кылаарын билбей аргасыз үйүнө бармак болду эле бензини түгөнүп ордунан жылбады. Башынын ооруганына чыдай албай жинденип эки жакты карап келе жатса бир аял менен эркек баштыкка бирдемени көтөрүп келе жатыптыр:

- Мен жанагыны кандай алдадым ыя? - деди аял эркегине ыржая карап, - Бомжга деле боору ооругандар чыгат экен.

- Сен антпегенде мен ала албайт элем да, жакшы болду, кудай буйруса бүгүнкүгө жетет ээ?

- Жетет, эртеңкини дагы кудай берет да.

- Ой жигит, эмнеге бизге таңгалып жатасың? - деди ошол кезде эркеги Муратка ормое, - Биз деле дал сендей кычыраган адамдар элек, минтип оокатыбызды таап жегенибизге кубанып калдык.

- Бара бериңиз, сизге эч ким таңгалган жери жок, - деп Мурат терс бурулду.

- Бу кайсы чиновник болду экен Асыл? - деди кайра аялга кайрыла Акмат.

- Ким билет, чоңдорду тааныгым да келбейт, алар биздейдин жашоосуна кызыгып да койбойт, бир кезде менин башкы эсепчи болгонумду түкүрүп да койбойт, аларды тааныганда эмне, баары өздөрүн гана ойлошот, жеп-ичип тойгон кезде акырын качып кетет да чет өлкөдө чардап өмүр сүрө беришет, - деди Асыл өзүнчө кобуранып, - А сенин врач болгонуңа ким ишенет? - деп башын ийкеңдете алдыңкы ээрдин жалап койду.

- Ээ Асыл, саясатты эмне кыласың, жүрү бир жерге отуруп мындан басалы.

- Кел, баспаганда эмне, - Асыл Акматты далыга чаап каткырып койду, - Чынбы ыя?

- Чын-чын, ичпегенде эмне кылабыз, ачуу-ызабызды унуталы деп бир ичкен бойдон соолуга албай жүргөнүбүз калппы?

- Туура-туура, Акмат сенин балдарың бар ээ?

- Ооба, эки уулум бар.

- Аларды ким багат?

- Кайненемдин колунда.

- Бардыңбы?

- Барсам каратпай койду.

- Ким?

- Күйөөм, - Асыл бир жерге жеткенде көк чөпкө талп этип отура кетти, алар аракты куюп ичип жатышканда Мурат аларды карабайм десе да болбоду...

Алияны баары эле жакшы кабыл алды, болгону бир гана аял кастарын тигип туруп алды, анткени Бекболоттун аялы биринчи баласын багып алган, анын жеңеси Гүлбүнү көргөндөн кийин эле айта албай же аны кабыл ала албай өзүнчө абысынын көргөндө жини келип жүрдү. Баары жеке жайда чогуу турушат, Арген экиге чыгып тили чулдурап чыгып калган, Сонун аны өзү анча сүйчү эмес, анткени баланы багып алаары менен эле боюна болуп төрөп алган, атын Арсен койгон, бир жашка чыга элек. Бир күнү эрте турса Арген сыртта горошокто отуруптур, Алия негедир аны жакшы көрүп калган:

- Арген, эрте туруп алгансың го? - деп Алия аны эңкейип жүзүнөн сүйдү, - Конфет жейсиңби?

- Ийи, - деди наристе ага күлүп.

- Азыр шоколад берем ээ?

- Апа-апа, - деп колун үйдү карай серелеп көргөздү Арген.

- Аны тим кой, өз ишиңди кыла бер келин бала, - деп Сонун үйдөн чыкты, - Арген бүттүңбү балам? - деп Аргенди горошоктон тургузуп жуунтуп алып кетти, Алия абысынынын бул мамилесине таңгалып ажатканага басып кетти. Саат ондордо Жанболот үйгө телефон чалды.

- Алло-о, - деген Калыс Алияга кайрылды, - Кызым Жакен чалды сени офиске келсин дейт, бара кал балам, бир маанилүү иш бар го?

- Макул апа, - Алия өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Ушу келиниңиз сизге жакты окшойт апа, - деп Сонун кайненесине күлө кытмыр карады.

- Капырай, эки келиним болсо бириңерден-бириңди кем көрмөк белем, андан көрө ынтымактуу болгула садагам.

- Бала дагы кыз тандагандан жаңылган экен, - деди Сонун сөздү кыйыта, - Ага кыз жок беле?

- Бул эмне дегениң балам, Алия укса капа болот, - Калыс Жанболоттордун бөлмөсүн карап акырын айтты, - Жакшы келин болот балам, ал дагы бирөөнүн баласы да, уулум жактырып алган соң менин балам.

- Мага жакпай калды, мурда күйөөгө тийгенби же эрсиз төрөгөнбү, мен мунун төрөгөнүн билем, - деп Сонун өзү айтып ийгенин байкабай да калды.

- Эмне дейсиң ботом, кантип ошондой болсун? - деп келинин элээ караганда Алия бөлмөдөн чыгып келе жаткан, ал токтой калды:

- Кыскасы келиниңиз көптү көргөн неме, - деди Сонун байкабай эле кайненесин бузмакка, - Жакенге кыз жок беле, ушунча жүрүп анан кайдагы бузулган немени алганы кызык, өңүнө азгырылдыбы же анын актрисалыгынабы билбейм.

- Кой Сонун, уулум жактырган немени антип айтпа, угуп калса капа болбосун, - деп Калыс айтканда Алия каалганы катуу жаап келе жатканын билгизе чыга калды:

- Апа, мен кеттим.

- Бара гой садага, сыртта шопур күтүп жатат, жеткирип коет.

- Макул апа жакшы, көрүшкөнчө, - деп Алия чыгып кетти.

- Келе электе эле сизге жагып калган экен, - деп Сонун ичи күйгөндөй өзүнчө сүйлөдү, анын баласын кызганганы же чын эле аны жактырбаганы белгисиз эле. Гүлбү экөө мурдатан тааныш болчу, төрөбөй жүргөнүн бир жолукканда айткандыктан ага телефон чалып баланы өзү эле эч кимге билгизбей берип ийген, кийин Алияны алып кеткени барганда көрүп Сонун нес болуп туруп калганда Гүлбү аны ары алып барып: "Оозуңду басып эчтеке билбегендей бол, бул кыз эч нерсе билбейт, өзүңө-өзүң сак болсоң болду", - деп эсине келтирген. Ошондон бери эле туйтала болуп жүрөт, бирок Аргенди ага өчөшкөндөй жек көрө баштады, Бекболот эрте кетип кеч келет, ал келгенде Арген уктап жаткан болот, ошентсе дагы ага эңиле калып ууртунан өөп-өөп алып анан жатып калат. Абдан жакшы көрөт уулун, Сонун аны түнкүсүн карабай уктап калса өзү туруп барып өзү тосуп, чай берип кайра жаткырып коет, бир күнү эртең менен:

- Сонун, Аргенди жакшылап карачы, жүдөп бараткнадай го, арыктап да кетиптир, - деди Бекболот.

- Карап эле жатам, деги ушуну бакпай эле койсок болмок экен, акыры кудайым унутпаса бермек, - деди Сонун кабак сала.

- Койсоңчу, Арген ээрчитип келди Арсенди, биринен-бирин кем көрбө Сонун, кесир кылба, - деп Бекболот Аргенди алдына алып отуруп өөп эркелетти, - Уулум кичине чоңойсо жаныма салып алып ойнотом ээ? - деди эле:

- Ато-ов, - деп бир нерселерди чулдурады.

- Уулум менин, ак жолтоюм, - Бекболот балага жалынып, өөп-өөп алды да чыгып жөнөдү, - Мен жумушка кеттим, Аргенди жакшы кара Сонун.

- Карабаганда таштап коймок белем? - деп Сонун жини келе карады, - Бекер багыпмын, эртең эле энеси менмин деп бирөөсү чыга калса кантээр экенбиз? - дегенде Бекболот кайрылып карады:

- Чыкса дагы көрө жатаарбыз, башкысы ак жолтой болуп бала ээрчитип келди, андан башка эмне керек эле экөөбүзгө, сен төрөбөс деген атка конбой өз каныбыздан жаралган баланы сүйүп отурабыз, Сонун экинчи мындай сөзүңдү коюп жүр! - деди да чыгып кетти. Сонун ойлонуп калды: "Ырас айтат, балалуу боло албасак ажырашып тынмакпыз, беш жыл бою күткөн наристе ушул Арсен колубузга тийгенде гана көзүбүзгө көрүнбөдүбү, мен эмне болуп жатам, ушу наристеде не айып", - деген ойго келип зыңгырай туруп калды. Ошентип күндөр өтө берди, бир күнү Алия съемкадан келсе сыртта Арген ыйлап жаткан, аны көрүп көтөрүп ала койду?

- Арген, эмнеге ыйлап жатасың?

- Апа-апа...

- Алтышкам, жакшы бала экен да, мына сага эмне алып келдим? - деп сумкасынан йогурт менен конфет алып чыгып колуна карматып көтөрүп үйгө алып кирди, - Арген жакшы жигит экен да.

- Алия, балага мындан ары эчтеке алып келбей жүрчү! - деди Сонун чыга калып анын колунан баланы ала коюп, - Алып келбей эле кой!

- Эмнеге жеңе, баланы ким жаман көрсүн, сүймөнчүк эмеспи?

- Сүймөнчүк кылбай эле кой!

- Жеңе, ал эмне дегениңиз, Арсенге дагы алып келбедим беле? - деп Алия томсоро туруп калды, Калыс чыга калып:

- Арсенге мен берип коем балам, ишиң кандай, съемкаң жакшы өттүбү? - деп жылмая карап мээрим төгүп күлүмсүрөдү, - Чайыңды ичип эс ала гой балам.

- Макул апа, - деп Алия кайненесине ыраазы боло бөлмөсүнө кирип кетти.

- Эй Сонун, - деди Калыс ашканага кирип, - Ботом абысын аңдышкан жоо дечү эле илгери, экөөң тең эки үй-бүлөөдөн келип бир үйгө бүлөө болуп калдыңар, ынтымактуу болгула балам, ал кечээ эле келди, жаш баланы жакшы көрүп койсо эмнеси күнөө айланайын, - деди салабаттуу, токтоо сүйлөп, - Мен силерди ынтымактуу абысын катары көргүм келет, үй-бүлөөнүн ынтымагы ырыскы-дөөлөттүн белгиси балам, анчалык катаал болбочу, - деди келинин жалдырай карап.

- Апа, ушул келиниңиз мага дегеле жакпады.

- Сага жакпаса Жакениме жакты, кайниңди сыйласаң Алияга антпе айланайын.

- Анда Бекболот экөөбүз бөлүнүп кетеличи, - деп Сонун түз эле айтып жибергенде Калыс көздөрүн алайта, оозун ачып карап калды:

- Эмне дейсиң ботом?

- Апа, капа болбочу, эмне дегенимди өзүм да билбей калдым, - Сонун кайненесин сыйлачу, уялып кетти, - Антейин деген деле эмесмин апа.

- Заңгыраган эки кабат үй турса, үстү он бөлмөдөн, асты жети-сегиз бөлмө, эки келин ошого батпасаңар... - Калыс зыңгырай ойлуу залга кирип диванга отуруп ойлонуп калды: "Атаңгөрү, бүлөөнү ынтымакка келтирүү кыйын экен да, болгону эки уулум болсо, заңгыраган үйдө батышпаса, Өмүрбекке кеңешейин, ырас эле чоңу эмеспи, Бекболотту бөлүп коелу, оюндагыны айтты Сонун, Алия келгенден бери эле кыйгаштап калды, демек өзүнчө болгусу келет", - деп отурганда Өмүрбек келди.

- Кемпир, жалгыз отурасыңбы?

- Ооба, өзүңдүн ишиң эмне болду?

- Бүттү кемпир, Бекенге бир үй сатып алсак кантет?

- Мен дагы сени менен ошону кеңешкени турам.

- Ыраспы?

- Акырын, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген ыраспы эки келин батыша албайт го?

- Туура ойлопсуң кемпир, азыркы жаштарга ашыкча сүйлөөчү болбо, эки жакта жашаса ынтымактуу болуп калат, - деп оозун жыйганча Бекболот кирди, - Кел балам, иш жакшыбы?

- Жакшы ата.

- Бекен, мен сага келишкен үйдү сатып берейин деп жатам, - деп Өмүрбек баласын сынай карап кемпирине унчукпа дегендей белги берип койду.

- Эмнеге ата?

- Сен эми үйдүн ээси болдуң, эки уулуң турат, кудай буйруса дагы балалуу болосуңар, дос-жоролоруң бар уулум, өзүңөрчө болгонуңар жакшы, өмүр бою бир үйдө экөөңөр жашай берет белеңер, эл деле айтат да, Өмүрбек эки баласын бир үйгө тыгып койду, бөлбөйбү деп.

- Ата, батышпай жаткан эмнебиз бар эле, чогуу эле болгонубуз жакшы го?

- Садагаң болоюн, силер өз-өзүңөрчө очор-бачар, ордолуу шаар болгонуңар биз үчүн бакыт эмеспи, - Калыс сөзгө кошулду, - Атаң туура айтат, дос-душманыбыз бар, - деди анан.

- Өзүңөр билгиле, менин силердин жаныңардан кетким жок, силер айткан соң аткарылат деп ойлойм, - деп Сонунду издеп бөлмөдөн чыкты, ал өз бөлмөсүндө Арсен менен отурган, - Сонун, сен эмне атамдарга бөлүнөбүз дедиң беле?

- Жок, эмне болду? - Сонун чоочуп кетти.

- Билбейм, атам бизге үй сатып берем, өзүңөрчө жашагыла дейт го, сенден сөз кеткенби дейм?

- Кайдан билем, Жакен үйлөндү, улуусу бөлүнүшү керек деп жатышкандыр, атамдар өз милдетинен кутулгусу келип жаткандыр? - деп билмексенге салды.

- Кызык, менин атамдардан бөлүнөйүн деген оюм жок, - Бекболот кыжаалат болуп жатты.

- Сен кызык экенсиң, өмүр бою эле жүрө берет белек, биз да бала-чакабыз көбөйүп киши күтөбүз, элдин баары эле улуусун бөлөт, ал жаңылык эмес, өзүбүзчө болгонубуз жакшы эмеспи? - Сонун күйөөсүн көндүрмөк болуп жатты, - Үйдү кайдан алат экен?

- Көрөбүз да, атам көрүп кел деди.

- Кандай үй алганы жатыптыр? - деп Сонун кызыга сурады.

- Келишкен үй дейт, - деди да Сонунга кайрылып карады, - Сен араң эле тургансың го?

- Бекен, мен жакшы эле чыдап отурам го, биздин аяштарды көрүп жүрөсүң, баары өздөрүнчө жашашат, ал тургай үй кызматчылары бар, сенин деле кызматың, кадыр-баркың бар, өзүбүзчө болгонго убакыт жетти менимче, атамдар Жакен менен калышсын да.

- Түшүнсөм буйрубасын, атамдардан бөлүнөм деп ойлобоптурмун, - деп отуруп калды Бекболот. Сонун унчукпай калды, азыр дагы бирдеме десе күйөөсүнөн катуу сөз угуп калуудан чоочулап турду:

- Атага барчы балам, - деп Арсенди алып барып Бекболотко кармата коюп сыртка чыкмак болду.

- Арген кайда жүрөт?

- Ал уктап калган.

- Аа-а, - деп коюп уулун эркелетип алаксый түштү, Сонун кайната-кайненесинин сөзүн угууга алдыга түштү, кызматчы кечки тамагын коюп жатыптыр, Жанболот менен Алия да келип калыптыр.

- Кел балам, Бекен кайда жүрөт, тамак ичпейби? - деди Калыс Сонунга.

- Азыр келет апа.

- Отур балам, мына ушинтип өзүңөрчө түтүн булатууга дагы убакыт келди, - деди Өмүрбек, - Буйруса Бекен экөөңөргө жакшы үй тандадым.

- Ата, кайдан алганы жатасыз? - Сонун кайнатасынан кубанычтуу күлүмсүрөй сурады.

- Шаардын ичинен эле, бүткөнүнө эки жыл болуптур, ээси Москвага кетип ошол жактын жарандыгын алып отурукташып калыптыр, анан бул үйдү сатканы жаткан экен, оңдой берди болуп баасы да, өзү да жакты, эртең Бекен экөөбүз барып көрөбүз.

- Ата, мен дагы көрүп келсем болобу?

- Барсаң бар, силер жашайсыңар, көргүлө балам.

- Болуптур, көрүп келели ата, - Сонун кудуңдай сүйүнүп алды.

- Ата, акем бөлүнбөй эле койсо болбойбу, ашып ташкан көп бүлөө эмеспиз го? - деди Жанболот, - Үй кенен го?

- Баланы бөлүү парз дейт балам, экөөңөр эки жерде түтүн булатканыңар биз үчүн сыймык эмеспи, апаң экөөбүз барып келип турабыз, - деп жылмайды Өмүрбек.

- Өзүңөр билгиле, - Жанболот унчукпай калды.

- Бекенди чакырчы, - деди кызматчы келинге Калыс, - Чогуу отуруп тамактансын.

- Макул, - деп Зайра үстүнө чыкмак болуп баратканда Сонун аны токтотту, Зайра жаш, жакшынакай келин, андан Бекболотту кызгана берчү.

- Зайра, өз ишиңди кыла бер, мен өзүм барам.

- Ийи, - деп коюп кайра ашканага карай басты Зайра, ата-энеси жок, жашынан тагаларынын колунда чоңоюп өтө жалтак болуп калган эле, таажеңеси он алтыга чыкканда эле бир аял кетирген немеге берип коюп, ал уруп-согуп кордогондо качып чыккан, ошондон бери булардын үйүндө иштейт, акысын алып чогултуп жүрөт, эч жакка чыкпайт, чыкса эле күйөөсү таап ала тургансып коркчу. Бекболот Зайраны жакшы көрөт, Сонун төрөбөй жүргөндө ага көп айланчыктап жүрдү, ошондо байкап калып Сонун тааныш издеп бала багып ала койгон, Арген алты айдан өткөндө эле кош бойлуу экени билинип кудайга жалынып алган. Эми деле Бекболот үйдө болгондо экөөнү жолуктурбоого аракет кылып турат.

- Балам, сенин ишиң кандай? - Өмүрбек Алияга карады:

- Жакшы эле ата.

- Атакка жетиш оңой, көтөрүү кыйын, ар кандай жагдайга туура көз караш менен кароо керек, сенин ролдоруңду угуп калдым балам, талантың болгон соң жашырып-жаппа, биз сени колдойбуз, асты Жакин экөөңөр бактылуу болсоңор болду.

- Рахмат ата.

- Ийгилик каалайм айланайын.

- Ыраазымын ата, апам экөөңүздөргө тең.

- Кудаларды үйгө чакыруубуз керек байбиче, Алия дагы аларды сагынгандыр, кийинки жумада чакырып алалы ээ?

- Айтканың болсун чал.

- Жакин, сенин ишиң жакшыбы?

- Ойдогудай эле.

- Белгилүү адамдын жары болуу дагы өзүнчө жоопкерчиликтүү болот балам, Алияны туура түшүнүп, таланттын баала, өзүң билип-көрүп туруп үйлөндүң, эмкиси сенин колуңда, - деди кыраа киши уулун сынай карап, - Асты адамдын ой-максатына бөгөт болуу душмандын иши.

- Билем ата, кантип эле тоскоол болмок элем? - Жанболот күлүп Алияны карады, - Мен бирдеме дедимби?

- Жо-ок, - Алия дагы күлүп калды.

- Акыл насаатымды ким-кимиң болсо дагы жадыңарга түйүп алгыла, - деди да Бекболотко карады, - Силер эртең Сонун экөөңөр бирге баргыла, кожейке эмеспи ал дагы көрсүн.

- Ма-акул, - Бекболот көңүлсүз үн катты, андан кийин ар кимиси өз-өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Зайра идиш-аяктарын жыйыштырып анан кеч жатты. Ал Бекболотту жактырып калган, бирок өзүнөн-өзү корунуп ал сүйлөсө да жооп бербей андан качып кетчү. Дал бүгүн ал ойлонуп жатты, уйкусу качып ар кайсыны ойлоно берди, болуп-толуп турган жаш дене бир нерсени эңсеп, бирдеме жетишпегендей ооналактап ар жакка бир, бери жакка бир оодарылып: "Ата-энем өлбөгөндө мен дагы бактылуу болмокмун, өң десе өңүм, бой десе боюм бар, али жыйырмага жаңы чыктым, бактылуу болууга акым бар чыгаар, бир адамды сүйдүрүп, сүйүп жашоого неге болбосун", - деп ойлонуп өткөндө Бекболоттун айткан сөзүн эстеди: "Эгер макул болсоң өзүңчө үй алып берем да сени өзүм нике кыйдырып алам, төрөп берсең баламды каттатып энчисин өзүнчө бөлөм, ойлонуп жообун бер, бул жерден акырын алып кетейин", - деген эле: "Неге болбосун, Бекболот жакшы адам, мен дагы бактылуу болууга акым бар, эми булар бөлүнүп кетсе мен ага жолуга албай каламбы, өзүм дагы жактырып калдым, эми кантем, ай кудай ай, колумда турган бакытты кармай албай каламынбы", - деп түйшөлүп көзү илинбей ордунан туруп ашканадан суу ичип алып, ажатканага баратканда Бекболот үстүнкү кабаттан түшүп келе жаткан, аны байкабай кирип кетти, эшигин илгенди унутуп эми тура берээрде Бекболот кирип келди, чоочуп кеткен Зайра калтырай түштү:

- Бекен байке!

- Чүш-ш, унчукпа, - деген Бекболот жаш келинди кучактап аймалай баштады, - Мен сени менен болгум келет, сени ойлонуп кыйналып кеттим Зайраш, менин экинчи аялым болчу, - деп жан алы калбай өпкүлөп, көкүрөгүн ачып борсоюп кыздардыкындай болгон эки алмасынын ортосуна тумшугун сала жанталаша жыттап, кайра моюнуна жетип келиндин шаштысын кетирди.

- Бекен байке, мени кыйнадыңыз го...

- Азыр-азыр, мен сени каалап турам, - деп ошол эле жерден ишке киришти. Келин бечара деле эркек жытын самап зорго жүргөнгө дем тартпай колдору анын мойнуна асылып махабаттын туу чокусуна чыккан кезде:

- Өөх! - деп алды.

- Жаным, мен сени катуу сүйүп калдым, бирок азыр мен чыгайын, Сонун ойгонуп калса абийирибизди төгөт, эртең саат ондо бир шылтоо айтып мага чык дагы жолуккун, макулбу? - деди да халатын байлана чыгып кетти. Зайра эс-мас болуп туруп калды: "Мен макулмун, көп болсо он беш жаш улуу экен, экинчи аял болууга макулмун", - деп дилинде айтып алды да бир аздан соң жуунуп алып ордуна жатып калды. Эртеси таңкы чай-тамагын берген соң Калыска:

- Эне, мен өзүмө кийим алып алайын, жооп бересизби? - деди аста.

- Бара гой кызым, каалаган учуруңда бара турган жагыңа барып келе бер, сен бул жерде күң белең айланайын, - деди Калыс мээримдүү карап.

- Рахмат эне, бат эле келем, - деп кудуңдай кийинип алып чыгып адегенде базарга барды, кымбатына карабай өзүнө жарашыктуу кийим алып, андан соң салонго кирип чачын жасатты, анан кийинди да телефон алды. Бекболоттун телефонун жатка билчү, мындай чыгып чалды эле каерде турганын сурап өзү келип алып кетмек болду. Жолугушчу жерге келгенде Бекболоттун таңгалганынан оозуна сөз кирбей калды:

- Сен... сен Зайрасыңбы? - деди ал саамдан соң.

- Тааныбай калдыңызбы? - деп күлүмсүрөп унаага отурганда гана ишенип айдап жөнөдү, көпкө чейин сөз айтпай бара жатып анан ага кайрылды, - Тамактанып алалы ээ?

- Сиз айткандай болсун.

- Зайраш, - деп алганын байкабай калды өзү, - Мен сени чынында тааныбай калдым.

- Кантип эле? - Наздуу көзүн сүзүп жылмайды Зайра.

- Сен мен көргөн Зайрадан дагы өткөн сулуу турбайсыңбы?

- Коюңузчу?

- Ооба, аз жерден эсим ооп кала жаздады.

- Бекен байке, ушул сулуулук мага бакыт алып келеби, азап алып келеби билбейм, ата-энемден ажырагандан тартып жакшы күндү көрө элекмин, - Зайра муңая сүйлөдү.

- Бактылуу болосуң жаным, сени эми мен бошотом.

- Кантип? - Зайра ага элээ карап калды.

- Сен эртең качып кет, мен сага телефон алып берем.

- А мен алып алдым.

- Чынбы?

- Ооба, сиздин номериңизди жатка билем.

- Азамат, болбосо бүгүн үйгө барбай эле кой, мейманкага жайгаштырып коем, бир аз күтсөң сага бир үйдү сатып берем, - деп Бекболот ресторандын алдына токтоду, - Үйдө буюмдарың жок беле?

- Эски кийимдерим...

- Аны тим кой, өрттөп коюшат, сүйлөштүкпү периштем? - деп сугалактана келинди кучактап өпкүлөп жиберди, - Эми мен сени эч кимге бербейм!

- Сонун эже эмне болот?

- Ал билсе ажырашып кетем.

- Болбойт го, балдарыңыз бар.

- Бир баланы кааласам алып калам, болбосо аман болсо болду, сен төрөп бересиң, - деп кайрадан өөп алды.

- Мен жетимчиликтин азабын көп тарттым, баланын өз ата-энеси болбосо жаралбай койгону жакшы Бекен байке, мен андайга жол бербейм, - деди Зайра муңая карап.

- Көрөбүз аны, - деп жерге түштү да Зайра отурган жак эшигин ачты, - Мархабат сулуу!

- Рахмат, аша чаап кеткен жоксузбу? - Колун берди да Бекболот арыкчырай кызды көтөрүп түшүрдү, - Оой, эмне болуп жатасыз байке?

- Мындан ары байке дебей жүр, экинчиден сиз дегенди токтот, ошол сөз экөөбүздүн арабызды бөлүп турат экен.

- Кантип, айта албайм го?

- Айтасың, биринчиден мен оштук эмесмин, астында жатып акелеткидей, - деп Бекболот каткырып алды да колтуктап ресторанды көздөй алып кирди, - Кана, каякка отуралы, кабинагабы же ачык элеби?

- Сиз билесиз да, тааныштарыңыз көрүп калсачы?

- Көрө берсин!

- Андай болбойт, Калыс эне менен Өмүрбек ата мени каргап койсо кантем, үй-бүлөөнүн бузулуусу бир шаардын бузулганына барабар дешет го? - Аңгыча төр жагындагы бош отургучка жетип келишти, ал ресторанда Айдар достору, анан Бермет болуп чогуу отурушкан, Айдар Бекболотту тааный коюп карап калды да жанындагыларга:

- Оо шеф кайдага ак кууну атып алган? - деди угулбай турган кылып күлүп.

- Жөнчү Айдар, андан көрө учурашып кой да, - Бермет аны тыя нукуду, - Алиянын кайнагасы эмеспи?

- Анан эмне деп жатам, Жанболоттун агасы да, - деп Айдар дагы күлдү, - Карачы чоңдордун жүрүшүн, жашоо эле ушулардыкы да.

- Ургаачы көрсөң көзүңдү кызартып турасың, эмне ага ашык болуп калдыңбы? - деди Бермет чукчуңдай жини келип.

- Жа-аным, сени эмне дээр экен деп жатам да, ал сенин жаныңда ким болуп калыптыр, сен менин ак куумсуң, - деп Айдар Берметке жагалданып кирди, - Койчу эми, таарынбачы алтыным.

- Сеники жакшыбы, кыз-келин көрсөң эле шилекейиңди жута албай каласың, менин көзүмчө ошентесиң мен жокто кудай өзү билет эмне кылып жүргөнүңдү, - Бермет тултуңдап жатканда Айдар аны тынчтандырды:

- Кой эми, мен барып учурашып коеюн.

- Айдар, алардын жанына барганың уят, - деди Талант досу, - Өз аялы менен отурса бир жөн, уяттуу адам болсо атайлап баргандай болосуң.

- Ырас эле, - деп Айдар отуруп калды.

- Бул бир шылтоо таап жанындагысын көргүсү келип жатат, - деди Бермет, жини келип акшыя карап.

- Жаным, жаман ойлобочу, ичиңдеги балама зыян болот, сенин ачууланууңа болбойт, азыр сен эки адамсың, - деп кучактап өөп койду Айдар.

- Койгула, болбогон жерден чатакташсаңар бири-бириңди суутуп аласыңар, андан көрө келечегиңерге кең карагыла, "ынтымактууга түз эле жетем, уруш-чатактан буйтап качам", - дейт тура ырыскы деле, - деп Арзы аларга насаат айтты.

- Чын да Берметтики, жаныңда суйкайган, болгондо дагы эми аты чыгып келе жаткан актриса аялы турса башка аялдарга суктанып турса, - деди Таланттын аялы Берметтин таламын талаша, - Туурабы Жазгүл, дагы Бермет түшүнүктүү да, мен болсом ошого кошуп кубалап иймекмин.

- Мен дагы, - деп күлдү Жазгүл, ал Арзынын келинчеги, жакында гана үйлөнүшкөн, үчөө классташ, бирге окуп бүтүшкөн...

Бекболот Зайраны өнтөлөп сыйлап жатты, алар импорт винодон ичип, тамак менен салаттын түрлөрүнөн алып коюп эч ким менен иши жок сүйлөшүп отурушат, Зайра мындай жерде биринчи отурганга өзүнөн-өзү толкунданып да кысынып да отурду, ал алды жагында не деген тагдыр күтүп турганын билгиси, керемети болсо көрүп алгысы келет кыялында. Бирок жүрөксүп: "Иче турган ашына какырба да түкүрбө дегендей туура болгон жок го, мен бирөөнүн убалына калып ырыскысын бөлө качкан жокмунбу, ал баласы менен эмне болот, чын эле мен экинчи аял болууга даярмынбы, же кийин көнө албай ажыраш дебес бекенмин, каргышы тийип жүрбөсүн", - деп ойлонуп жатты. Бекболот ага болбой эки куюм вино ичирип койду эле көздөрү эрксиз күлмүңдөп, каштарын кере Бекболотко карап:

- Сизди сүйүп калуу күнөө го дейм? - деди.

- Эмнеге, мени сүйсөң кубанаар элем.

- Чын элеби? - Шыңк этип күлүп алды.

- Чын сендей селкинин сүйүүсүнө арзысам кана атаганат, - Бекболот бирөө көрүп калбасын дегендей эки жакка саресеп сала карап алып анан ага акырын, - Мен сени сүйгөндөй сүйчү! - деди.

- Сүйөм, эмнеси бар экен, мурдатан эле жакшы көрчүмүн.

- Ырас айтасыңбы?

- Чын айтам, - деп көздөрү үлдүрөй түштү Зайранын, түндө уктай албай чыгып, эми вино ичип койгонго уйкусу келип араң турган болчу, - Кетелиби Бекен байке?

- Кеттик, - деп Бекболот Зайраны аста колтуктай сыртка алып чыгып баратканда досу Мырзабек алдынан чыга калды, ал аялы дагы экөө-үчөө менен кирип келе жаткан эле.

- Ой Беке кайдан бу...

- Айылдан карындаштарым келип калыптыр, бул жерде экен, жеткирип коеюн, - деп Бекболот токтобой чыгып кетти, Мырзабек Бекболоттордукуна көп барчу, Зайраны таанымак, бирок ал азыр тааныбады, үйдө жоолук салынып жүргөн неме чачын жасатып, кийген кийими да өзгөргөн. Унчукпай орунга өтүп кетишти.

- Мырзабек, - деди аялы Алмира күйөөсүнө кайрылып токтой калып, - Бул Бекболот деле соо эмес го ыя?

- Ой ал киргенде кызуу экен тиги кыз, айылдан келген туугандарынын кызы го? - деп Мырзабек Бекболотту актап кирди, - Ушу аялдар оюңар эле жаман да.

- Ай ким билет, Сонун төрөбөй жүргөндө ажырашам дейби деп коркуп жүргөн, эми балалуу болгондогусун кара, ал бала багы-ып үйүндө отурса бул чак түштө көңүлдөшү менен жыргап жүргөнүн, - деп Алмира бир топко тыбыраңдады.

Бекболот Зайраны унаанын артына жаткызып коюп унаа көп өтпөгөн, гаилер жок жолго кирип жай айдап барып бир мейманкананын жанына токтоду. Бул жерге ал кээде келин-кыздар менен келип калчу. Мейманкананын ээси ага тааныш, сүйлөшүп дайындап коюп кайра жумушуна кетти...

Калыс Зайранын кечикенинен улам түшкү чайды өзү коймок болду, Сонун баласы менен алек болуп отурган, Алия үйдө жок, Арген көбүнчө Калыстын жанында ойноп отура берет, болбурап жоош дагы.

- Капырай, - деди Сонундун түшүп келе жатканын көрүп, - Бирөөгө көнүп алган жаман тура, чай коеюн дедим эле.

- Зайра жокпу апа?

- Ал эртең менен кийим алып алайын деп кеткен, эмгиче жок го, жинди күйөөсү кармап алып кеткен жокпу?

- Алса алып кетет да, кийимди алып эмне кылат экен, эч жакка чыкпагандан кийин, - деп Сонун жактырбагандай сүйлөдү, - Каякка барат экен кийинип алып, бараар жери болбосо.

- Балам ай, ал дагы адам да, ары өтө жаш бечара, акчасы бир топ болуп калгандыр.

- Кетээрде деле алса болот эле да.

- Келип калаар, - деп кайра отурду, - Өзүң чай кое койчу балам, ысык чай ичели.

- Азыр апа, - Сонун ашканага кирип чайды, тамакты отко коюп анан Зайранын бөлмөсүнө Калыска байкатпай кирип караса баары эле турат: "Кийими турат, ушу Бекен менен кеткен жокпу, болбосо мынчалык кечикпейт эле, жо-ок аны менен сүйлөшпөсө кайдан, базар кыдырып кийим алуу оңойбу, бирин жактырса бири жакпай мен деле көптө зорго чыгам го, ал деле жүргөндүр", - деп өзүн алаксыта кайра чыкты.

- Сонун, бала ыйлап жатат го, уктап жатты беле?

- Ооба, ойгонуп калса керек, - Сонун үстүңкү кабатка жүгүрүп чыгып кетип кайра Арсенди көтөрүп, Аргенди жетелеп түштү, - Бу шүмшүк ойготуп ийген го, болбосо азыр ойгонбойт эле, - деп Аргенди булка түртүп ийди, - Бейбаштыгын кантейин.

- Ай-ай балам, ал жаш бала эмнени билет? - деп Калыс жетип Аргенди ала койду, ал өпкөлөп ыйлап жаткан, ошол кезде Алия менен Жанболот кирди.

- Эмне болду ызылдашып? - деди Жанболот Аргенди мурдунан чымчый, - Эркелей бересиңби ыя?

- Инисин уктап жатса ойготуп ийиптир, апасы төпөштөп койду, - деп Калыс күлдү.

- Ой азама-ат, аны ойнойбуз десе керек да.

- Ошенткен го?

- Апа, Алиянын эки эжеси менен жеңелери учурашып келебиз дептир, ошого эрте келдик.

- Келсе келээр балам, жок эмес го, короодо малың, чөнтөктө акчаң бар, - Калыс ушинтти да, - Атаңды ойготуп келчи, - деди Жанболотко.

- Уктап жатабы атам?

- Ооба, - деп креслого отура кетти, - Иий белим ай.

- Апа, - деди Алия, Жанболот ары басканда, - Жеңем эмнеге эле мени жаман көрөт, Аргенге жакындасам эле жаш баладай кагып ийет.

- Ээ балам, - Калыс Сонун кеткен жакты карап койду, - Сен деле эми биздин бүлөөбүзсүң кудайдан жашырбаганды сенден жашырат белек, Сонун төрөбөй жүрүп Аргенди багып алышкан, андан кийин тиги "жаманын" төрөбөдүбү, ошого аны кызгана берет, - деди акырын, - Билмексен эле болуп кой!

- Ыя?! - деген Алия Аргенди карап эле катып калды, ал заматта өзүнүн баласын элестетти, чынында Аргенди Алияга окшоштуруш оңой эмес эле, - Чын эле багып алды беле? - деп кайра өзүнө келе калып акырын сурады.

- Ооба, кийинки күндөрү төрөгөн энеси келе калчудай эле өзүнчө кыжаалат болчу болду.

- Аа-а, - деди да ойлонуп отуруп калды: "Демек жеңем билет, андан сөзсүз сурашым керек, эгерде менин балам экени чын болсо карабайм, көз алдымда жакшынакай кылып багып жатса кантип жоломок элем", - деп мелтиреп калганда Өмүрбек менен Жанболот ээрчише келди.

- Ээ байбиче, азыр телефон деген бар, куда-кудагыйды, агаларын чогуу эле чакырып алалы, андан кийин Алия менен Жакен барып келишсин, - деди Өмүрбек келе жатып эле.

- Ошентсе ошентели, Алия чала койсун, качан келишет экен?

- Эртең келебиз дептир.

- Анда келип калышат, чакырып кой балам.

- Макул апа, - деп Алия телефонун терип кирди, - Алло ата, кандай жатасыздар, ата, менин атам менен сүйлөшүп коюңузчу, - деп күлдү да Өмүрбекке берди.

- Алло, куда кандай жатасыздар, ден-соолук жакшы, аман-эсен жүрөсүздөрбү, куда эртең кудагый экөөңөр келип кеткиле, ооба-ооба, чогуу чараан эшик төрүбүздү көрүп кеткиле куда, болду-болду, кыз-күйөөңөр тосуп алышат, - деп Өмүрбек карсылдай күлүп Алияга телефонду берди, - Бүттү балам, келише турган болду.

- Жакшы болду, уялып жүрдүк эле, - деп Калыс дагы кубанып алды, андан кийин тамактанып бүткөндө Бекболот келди, ал шашылып алган.

- Мен шашылыш Ошко кетип жатам, эки күндөн кийин келем, - деп жогору чыгып кийимин алыштырып, эки уулун өөп алып кайра чыгып кетти, Өмүрбек менен Калыс ага суроо берди эле жоопсуз калтырды.

- Бу балага эмне болгон? - Өмүрбек кемпирин суроолуу карады.

- Иш менен жүргөндүр да.

- Ошентсе деле аярлап, чоо жайын түшүндүрсө болот го?

- Болду да, ишинен алагды болбосун, кудай аман койсо болду, өмүрү узун болсунчу атасы, окутуп чокуткан өзүң, экөөбүз баккан жокпуз, дагы жакшы боор тартып калганына.

- Туура байбиче, атамдар бакпадыбы, - Өмүрбек унчукпай калды, Зайранын кечиккени, күйөөсүнүн шашып кеткени Сонунду күмөнсүтүп койду, үстүңкү кабатка чыкты да телефонду бурады, ал анын жумушуна чалган эле.

- Алло-о, Султаналиев Бекболотту айтып коесуңарбы, кайда кетти эле, аа-а кечиресиздер, - деп трубканы кое салды, Бекболоттун Ошко командировкага кеткенин угуп жаны жай ала түштү. Бекболот министирликтеги досуна сүйлөшүп үч күнгө командировка алган, бирок ал Зайранын жанына келди, ал эми гана ойгонуп башын көтөрүп чоочун бөлмөдө жатканына таң калып чачтарын артына байлап ваннага кирген. Эшиктен кирген Бекболот:

- Зайраш, Зайраш кайдасың? - деди диванда жок экенин көрүп, - Зайра!

- Мен жуунуп жатам, күтө туруңуз!

- Өх, жүрөктү түшүрдүң да, бир жакка кетип калдыбы деп коркконумду карачы, - деп отура кетти. Аңгыча ал берген буйрутмасын алып бир жигит келди, тамак-ашка буйрук берген эле келе жатып. Көптөн кийин Зайра ваннадан чыгып келе жатканда жетип барып кучактап калды Бекболот, - Жаным, жанымдын жартысы, сени кантип, качантан бери сүйүп калганымды өзүм дагы билбейм, эми жарым мүнөт көрбөсөм тура албай калдым Зайраш.

- Сиз экөөбүз ашык кетип калган жокпузбу? - Зайра жалжылдай карады, - Жигит анын каректерине чөгүп кете жаздады:

- Жок, эч кандай ашыкча эмес, керек болсо Сонунга бүгүн барып ажырашам деп айтам, - дегенде Зайра анын оозун узун, ичке апакай колдорунун салаалары менен басып калды.

- Болбойт!

- Эмнеге?

- Мен ага жол бербейм.

- Каалоо, тандоо меники Зайраш.

- Ашыкпаган араба менен коен уулаган имиш.

- Сенсиз жашай албай турган болуп калдым.

- Мен дагы, мурдатан эле меники болушуңду каалачумун.

- Асылым, ардагым менин, кичинекей чымчыгым, боз торгоюм менин! - Бекболот келинди бекем кучактап моюнунан шуу-шуу этип жыттап алды, - Жытың башкача Зайраш, эң таза, аруу жыттанасың алтыным.

- Аруу кезимде жолуксам кана...

- Ушу да жетерлик, сага жолугуп маңдайымда отурганыңдын өзү да бакыт мага, кел тамактанып ал, кардың ачты го?

- Башым ооруп калыптыр, ичпейм десем болбойсуз.

- Эчтеке эмес, сенин көңүлүңдү көтөргүм келди.

- Мени жоктоп жатышкандыр.

- Мейли, эмне десе ошол десин, менин жанымда болсоң эле болду, - деп Бекболот үстөл үстүнө козунун этинен жасалган дымдаманы койду, - Азыр, экөөбүз тамактанабыз.

- Менин жүрөгүмө барбайт го?

- Көңүлүм айнып жатат.

- Анда мындан алып ийсең оңолуп каласың, - Бекболот вино куюп колуна карматты.

- Сиз мени көндүрүп коюп жүрбөңүз? - деп наздуу, көздөрүн күлмүңдөтө карап койду Зайра, - Тыя албай калбаңыз.

- Ушуну гана ичесиң, андан кийин жок! - Бекболот дагы тамашалай аны мурунга чертип койду. Экөө тамактанып, дагы винодон ичип анан жарыкты өчүрүп жатып калышты, иши бүткөн соң дагы эле бекем кучактап алып кое бербей жыттап жатканда:

- Мынчалык сүйбөңүзчү, - деди Зайра, анткени тагасынын үйүндө жүргөндө ага: "Аттиң, өтө катуу сүйгөн деле болбойт экен, апаңды жездем жанынан артык сүйчү эле, көрүп алып кубанып калчумун, алардын сүйүүсүндөй сүйүүнү көргөн жокмун. Алар бири-бири үчүн гана жаралган жандар эле", - деп тагасы Ташыбай айтып бергенин эстеди.

- Эмнеге Зайраш?

- Деги да, мен өзүмдү-өзүм күнөөлөп жатам, бул айыбымды өзүм кечире алаар бекенмин, - деди ойлуу Зайра.

- Сенде эч кандай айып жок, баарына мен күнөөлүүмүн асылым.

- Кел дегенде келбей коюум керек эле...

- Анда барып алып кетмекмин.

- Кантип?

- Ушинтип эле.

- Макул эми, уктап эс алалы.

- Уктай гой берекем, мен сенин айдай жүзүңө суктанып карап жатып анан уктайм, - деди эки бетинен, чекесинен көздөрүнөн өөп, - Сен көздөрүңдү жумсаң периште уктап жаткандай көрдүм.

- Анчалык көтөрө чаппаңыз, - Келин кыткылыктап күлүп жатты, - Ушунчалык сүйөсүзбү мени?

- Сиз эмес сен!

- Макул-макул, - Зайра ого бетер кыткылыктап күлдү, - Сен чын эле мени ушунча сүйөсүңбү?

- Өзүмдөн дагы артык сүйөм!

- Кандайча?

- Мындайча, - деп келиндин бүт денесин өөп, кытыгысын келтирген сайын ал, туйлап, ооналактап күлүп жатты:

- Болду, болду дейм, ишендим эми.

- Ишендиңби?

- Ооба, ичим ооруп кетти.

- Эмнеге?

- Билбейм, бирок ичим көп ооруйт.

- Ок, ооруйт деп айтпа, врачка көрсөтөйүнбү?

- Кереги жок, мен таптазамын, кээ-кээде эчтеке эмес да.

- Этият болууң керек, - Бекболот унчукпай кучактап алып жатып калды: "Апаң ичим дечү, катуу ооруп төшөктө жаткан жок, врачтарга көрүнбөдү, анткени ал ошол болбогон оорудан өлөм деп ойлобосо керек, жездем андан жети күн өтпөй эле өлүп калды, күйүп кетти го жүрөгү, жанынан артык сүйчү эле, жашай албады эжем жок", - деген Ташыбай тагасынын сөзүн эстеди: "Менин ичим дагы кээде эле ооруп калат, ал эмнеси, бактылуу болоорумда өлүп каламбы, Бекен менен турмуштун кызыгына батып, балалуу болуп өмүр сүрсөк кана, Сонун эже билсе мени өлтүрөт, кандай күндөр күтүп турду экен", - деп ойлонуп жатып калды. Эки-үч күн экөө эч жакка чыкпай жатышты, төртүнчү күнү гана Бекболот эрте туруп жуунуп чыкканда:

- Кетесиңби? - деди Зайра башын көтөрө.

- Ооба, командировка ушуну менен бүттү, - Күлүп койду.

- Жакшы бар.

- Күт мени, сыртка чыкпа, кардың ачса алып келип беришет, - деп Бекболот аны кучактап жүзүнөн өөп чыгып кетти. Зайра ойлонуп жата берди, жаш тийген күйөөсүн эстеди...

Таажеңеси алкылдаган аял болчу, токсон сегизинчи жылдар эле, сегизди бүтүрүп эле башка айылга күйөөгө берип ийди, мугалимдер келип сураганда "өзү качып кетти, күйөөгө берип эмне кылам, эне-атасыз кыз тилибизди албай кетип калды, шаардагы таежеси алып кетти, ой сен айтпайсыңбы, тилиңди жутуп алгансыбай, карындашың алып кеткенин", - деп алкынганда Ташыбай.

- Ооба-ооба, карындашым алып кетти, - деп нымтырап тим болду, өзүнөн жыйырма жаш улуу Орунбек аны күңүндөй кылып таң ата тургузуп:

- Тур уктай бересиңби? - деп тээп ойготту баргандан эртеси эле.

- Уктап турайынчы, - деди уйкусурап, таңкы ширин уйкудан көзү ачылбаган Зайра.

- Ээ эн-неңдурайын десе, мен сени төшөккө бөлөп багамбы? - деп көчүккө бир тепкенде ыйлап тура калды, ошондон кийин ал андан дагы коркуп калды, анын үнүн укканда жүрөгү зырылдап тура калып эшикке чыгат да чай коюп, эшигинин алдын шыпырып, тамак жасайт. Бир күнү кызуу, жанында эки эркек үч аял бар:

- Ой Орунбай, аялыңды жуубайсыңбы? - деди аялдардын бири.

- Жууп болобу, бул күңдүккө келген, бул үчүн бир жылкы, бир уй бергем.

- Ошончо калың бердиңби?

- Сатып алдым, - деп балдырай, бүркүттөн корккон коенчо бүжүйүп отурган Зайрага карады, - Тур, куурдак жаса!

- Тим койчу байкушту, жаш экен, - деди аялдардын бири боору ооруй, - Бул дагы адам баласы го?

- Энесин урайын, таажеңеси өзү саткан, катын деген толтура, кулуң болсо кулуңмун дегенди билесиңби? - деп зөөкүр Орунбай сөгүнүп коюп төргө өткөрдү аларды, - Аны эмне кыласың, ал эчтеке билбейт, андан көрө өзүң турбайсыңбы? - деди да алтоо тегерек болуп отуруп алып арактан куюп ичип жатышты, - Ал деген жатканды да билбейт.

- Жаш болсо билбейт да, алдап-соолап аял кылып ал да, төрөп түшүп берет, - деди жанагы аял.

- Төрөсө көрөм да, алты айдан ашты, боюна болсо көрөт элем, мүйзеги бар окшойт, - дегенде беркилери каткырып калышты. Орунбайдын эки иниси бар, өзү акылы кемирээк адам, карыган апасы кичүү балдарында, бирин-экин малы бар, бир туугандары көздөп турушат, өзү инвалиддик пенсия алат, кээде келген апасы ага акыл-насаат айтса да укпайт. Зайраны алып келгенде ал жакшы көрүп жаштыгына боору ооруп калкалап жүрдү, бирок ага кошуп апасын дагы уруп кое жаздаганда кетип калган. Ошол бойдон келе элек, Зайра калтырап титиреп куурдак жасап алып кирип берди.

- Отур сен дагы, биз менен бирге чай ич, - деди бир аял, ал эркектин тизээсине жатып алган, Зайра алардан уялып кирбей эшикке чыгып кетти.

- Тим кой, отур деп эмне кыласың? - деген Орунбай ошол аялга көз ымдады, - Аны кой, сен экөөбүз качан жатабыз, ошону айтчы?

- Жинди болуп калгансың го, уят эмеспи балтыркандай жапжаш колуктуң турса, - деп кылыктана күлүп койду, - Каратып туруп мени менен жатмаксыңбы?

- Сенден үйрөнүп алсын да бергенди, - Аңкоолоно каткырып калды.

- Айбан десе, макулук жаныбардан айрымаң жок, кой биз кетели, жаш колуктусун эрмектесин, - деди да ордунан туруп жөнөштү, ошондо Орунбай ал аялды кармап баса жыгылды:

- Мен сени каалап турам Жамал.

- Жинди болбочу! - деп Жамал аны түртүп ийди, - Элдин ушагына калгым келбейт, эмеле айтып чыгышпайбы, Жамал Орунбайды бузуп жүрүптүр деп, кой жүрү кетеличи, - деди жанындагы аялга, - Бул үйдөн шерменде болгум келбейт.

- Мен сени кетиргим келбейт.

- Анда мурда эле ойлонбойт белең, ошол уй, жылкыңды мага берип үйлөнүп алсаң болбойт беле, бир байкуш жаш кызды кууратпай, - деди Жамал.

- Тим кой, ал бизге кызматчы болуп жүрө берсин, - деп Орунбай Жамалды кое бербей койгондо ал амалдана ага шыбырады, ким билет чын көңүлү менен айтканын.

- Анда кеттик, - деп Орунбай кийимин кийине баштады, - Мен сени башкага бербейм, - деп аларды ээрчип баратканда иниси Карынбай келип калды:

- Биерде эмне кылып жүрөсүңөр? - деди тигилерге ачуулана, - деги буларды тынч жашатасыңарбы?

- Биз эмне кылып жатабыз, бизди өзү ээрчитип келди, - деп Жамал сыртка карай жөнөдү, алар шашыла чыгып баратканда Орунбай кошо чыгып жөнөдү эле:

- Сиз кайда? - деди Карынбай, - Жеңем үйдүн артында ыйлап отурат.

- Ыйласа ыйлай берсин, - деп бурк этип кетмек болгондо Карынбай агасын карысынан кармап калды.

- Акыл барбы сенде, аялың турса көрүнгөндү ээрчип кеткениң эмнең, ойлонсоң боло, андан көрө жаш немени бөпөлөп багып аял кылып албайсыңбы, минтип жүрсөң эмеле кетип калат.

- Кетсе кете берсин! - деди Орунбай, анын сөздөрүн угуп Зайра кубанып алды: "Кетип калсам издебейт болду бекен, көргүм да келбейт, кетип калса экен", - деп ойлонуп жатты, анын үй артында отурганын көргөн Карынбай акырын басып келди:

- Жеңе, үйгө киргиле, - деди акырын, өзүнөн алды канча кичүү болсо да сыйлап, - Сыртта отурганыңар болбойт.

- Кетиштиби?

- Ооба... - деген Карынбай такалып калды, анткени Орунбайдын кеткенин айта албады. Зайра кайнисинен ийменип бүжүрөй ичкери кирди да жатып алды, Орунбайдын жогуна кубанган эле.

- Тамак ашыңар барбы? - деген Карынбай жайылган дасторконду, табактагы куурдактын калдыгын көрдү да ашканасын карап эчтеке таппады. Анан кайра үйүнө кетип азык түлүк көтөрүп келди. Жатып алып соолуктап ыйлап жаткан келинге боору ооруду, унчукпай эшиктин алдында көпкө туруп анан кетип калды. Орунбай ошол бойдон эртең менен бутунан тура албай теңселип келип төшөккө жетпей сүрдүгө жыгылды да сулк жатып калды. Бүрүшкөн Зайра анын келгенин сезбеди, катуу уктап жаткан, көзүн ачса көмкөрөсүнөн жерде сулап күйөөсү жатыптыр, кайненеси ага: "Балам эрди сыйласаң кудай сени сыйлайт, жаш болсоң дагы эми сени Орунбайдын аялы деп айтышат, тагдырың менен таймаша албайсың, жакшы кара күйөөңө, балалуу болуп калсаңар адам болуп кетет", - деп айтканын ойлоп козгобой эле үстүн жаап койду. Эгерде анын жаштыгына карап жакшы мамиле жасаганда көнүп кетет беле, Орунбай өзүн көтөрүп: "Бул менин күңүм, көрдүңөрбү мен муну сатып алдым", - деп кем акылдыгынан аны аял катары өзү карай албады, чынында жетишпейт эле, өзү теңдүүлөр, кичүүлөр аны сүйлөшүп коюп каткырып отура берчү. Алар күлгөн сайын өзүнүн кыйындыгынан күлдүрүп жаткандай маашырлана күлүп калат. Ошентип ал аны менен бир-эки эле жолу болгон, андан кийин көрүнгөн менен кетип калып Зайраны жөн гана үйүндө жүргөн күңдөй карачы болгон. Ошентип ошол күнү Зайра качып кетти, шаарга колунда акчасы жок качып жүрүп ачка болуп талаага түнөдү, эртеси ар кимден жумуш берчү кишини сурады эле бирөө радиоузелди көрсөтүп койду. Ал аерден чогулуп турган элдин ортосундагы адамдын сөзүн угуп:

- Байке, мен барам! - деди.

- Кана, бери чыкчы чоң кыз, - деди ал, бул Бекболот болчу.

- Менин бара турган жерим жок, үй-кызматчы болууга барамын, - деп аны карап үмүттүү тигилди.

- Өтө жаш экенсиң да?

- Жаш эмесмин, колумдан баары келет.

- Болуптур, качып же тажап кетпейсиңби?

- Жок, жата турган жерим болсо болду.

- Кеттик анда, - деп Бекболот Зайраны унасына отургузуп үйүнө келди, кийими жупуну, узун юбка, үстүндө көөнөргөн кофта, башында эски жоолук, бутунда эскилиги жеткен голош. Кысына ичкери киргенде Калыс анын жүдөңкү түрүн көрүп отуздардагы келин экен деп ойлоп халат менен тапочка берди да:

- Мында душ бар, кирип жуунуп чык, анан сени ашкана менен өзүм тааныштырам, - деди.

- Макул эне, - деп душка кирип жуунуп кайра чыкканда Калыс аны көрүп: "Бечарам ай, бу куу турмуштун азоодой кайрымагына илинип калган экен да, чырайы келишкен неме тура", - деп ойлоп аны ашканага ээрчитип кирди да:

- Бул жерде тамак аш даярдалат, бул шкафтардан, муздаткычтан керектүүнү табасың, тамакты жасай аласыңбы? - деп суроолуу тигилди.

- Жасайм, - деп баш ийкеди Зайра.

- Ата-энең барбы?

- Жок, тагамдын колунда чоңойдум.

- Алда-а бечарам ай, таажеңең дурус болбосо керек ээ?

- Ошондой...

- Канчадасың?

- Он жетиде.

- Катыгүн ай, балтыркандай ката элек кезиң тура, эмне болду анан? - деп Калыс кызыга сурап ашканага жакын жайгашкан чакан бөлмөгө ээрчитип кирди, - Бул бөлмөдө жатасың, - деди, Бекболот кызматчы таап келем дегенде эле ал өзү төшөнчү орунду, бир жата турган диванды киргиздирип дайындап койгон эле.

- Рахмат эне, - деди жата турган орунун көрсөткөндө жүзүнө жылмаю кирип, анткени Орунбай менен жаңы үйлөнгөндө жаңы төшөккө жаткан, кийин кайненеси кеткенден кийин эле ал төшөктү тартып алып жаман төшөк берип өзүнчө жатып алчу, Зайра анын өзүнөн алыс болгонуна кубанып жата берчү, балким Орунбайдын акылы кемдигидир, болбосо балтыркандай солкулдаган жаш кызды кандай эркек кучактап жатып кумардан чыккысы келбесин.

- Кана эми, өзүң жөнүндө айтчы, - деди Калыс көчүк баса.

- Таажеңем мени он алтыга толо элегимде эле бир эси кем кишиге бир бээ, бир уйга сатып ийди, тагам ага эчтеке дей алчу эмес, - деп Зайра баарын төкпөй чачпай айтып берди.

- Бечара, көп азап тартыпсың, тартынбай өз үйүңдөй бол, эч ким сага сүйлөбөйт, тамак ашты жасаганды өзүм көрсөтүп берем, үйрөнүп кетесиң, - деди Калыс, анткени ал: "Кыйын күндү башынан өткөргөн кызга эле ким үйрөтсүн, эчтеке билбейт го, өзү жетим болсо, бей-бечарага жардам берип жардам берсе кудайдан кайтаар", - деп ойлонуп бөлмөдөн чыкты. Ошондон кийин ага тамактын түрүн жасаганды, конок келгенде кандай тосуш керектигин. Салаттын түрлөрүн үйрөтүп койду да рецептерин колуна берди. Ошол күнү кечинде келген Бекболот Зайраны көрүп: "Апам мен алып келген келинди кетирип жиберген го, жакпай калган экен", - деп ойлоп койгон. Арадан бир жумадай өткөндө Зайра тыпылдап ишине так болуп калды. Ошентип күн өткөн сайын чырайына чыгып келе жатты, бирок ал башынан жоолугун алчу эмес, чачы капкара, тармал болуп Зайра өзбек кыздарындай кара каш, кара көз сулуу келин.

Сонундун боюна болбой беш жылдан өтүп баратканда бала багып алууну ойлогон эмес Бекболот, күндө Зайраны карап, ага сөз айтууга белсенгени менен ата-энесинен тартынат, Сонун болсо ал келгенден баштап жанынан чыкпайт, кайда барса бирге болот, кээде эркелей күйөөсүнүн мойнуна асылып:

- Бекен, үйдө отуруп зеригип кеттим, жүрү бир жакка барып келеличи, - деп жанын койбойт, андайда көңүлү келбесе дагы күңк-мыңк этип айла жок:

- Каякка баргың келет? - дейт көңүлсүз.

- Бекен, сен мени төрөбөйт деп көңүлүң бузула баштады го, үмүтүңдү үзбөчү, көрөсүң го мен төрөп берем, - деп Сонун ишенимдүү айтып ээрчитип кетет. Сонунду сен төрөбөйсүң дебегени менен ички сезиминде аны менен ажырашкысы келет, Калыс дагы келинин аяп ар дайым минтчү:

- Жараткан берээрин унутпасын балам, бир күнү баа дедирип баланын үнүн угасыңар, азыр жашсыңар, үмүттү үзгөн болбойт.

- Апа, мен курактуулардын балдары чоңоюп калбадыбы, - деп Бекболот бир күнү ич күптүсүн айта салды. Муну уккан Сонун күйөөсүн колунан чыгаргысы келбей курбу-курдаш, тааныштарына дайындап бала издеп жүрүп Гүлбүнүн айткан баласын төрөгүчө күтүп, бирок Бекболотко айтпай жүрдү. Анан эле бир күнү энесинен түшкөнүнө эки-үч саат болуп, киндиги түшө элек баланы сүйүнүп-сүрдүгүп көтөрүп келип калды, адегенде ага Бекболот анча көңүл бурбады, ал тургай:

- Бирөөнүн баласы бала болуп береби, сен кызык экенсиң, бар алып барып бер! - деди жиндене.

- Кантип Бекен, мен муну өлсөм да бербейм, сен экөөбүздүн балабыз болот, антпечи Бекен, мейли деп койчу, - деп жалдырап ыйлап отуруп макулдаткан. Ошондо үнү кудайга жеткенби, арадан алты ай өтүп, Арген талпынып "ата-апа", - дей баштаганда боюнда бар экенин билип абдан кубанган, Бекболот болсо Аргенге күлүшкөндөн кийин көндү, көздөрү бакырайган сүйкүмдүү бала болуп баратты. Бул көрүнүштүн баарына Зайра күбө, бүт көз алдында өттү, Сонун боюна болгондо наристени кубана өөп-өөп: "Ак жолтоюм менин, мени бакытка бөлөдүң", - деп жанындай көрчү...

Алия Жанболотко турмушка чыккандан кийин эки киного катышты, биринде кыз-жигит болуп аткарган жигит экөө кынала кучакташып катар басып, өбүшкөн жерлери бар экен, кийин ал кинону көргөн Жанболот үңүрөйүп сыртына чыгарбай жүрдү. Аңгыча Алия кош бойлуу болуп экөө врачка көрүнгөнү барып келе жатканда:

- Алия, сен балам экөөбүздүн гана Алиябыз болосуң, - деди сырдуу жылмая.

- Мунуңду кандай түшүнсө болот Жакен?

- Биз кызганабыз апасы...

- Эмнеге, кимден кызганасыңар?

- Кимдир бирөөдөн.

- Койчу деги, баланы төрөгөндөн кийин бала бакчу кызды жалдайбыз, анан мен кайрадан чыгам.

- Болбойт!

- Жакен...

- Сен мени сүйсөң мындан ары мен айткандай болот.

- Эмнеге, мен тескери иш кылдымбы?

- Алия, жанагы киного тартылганыңда үйдөгүлөрдү ойлогон жоксуңбу, мен уялдым, койнуңдагы аялың бирөө менен өбүшүп, кучакташып жатса кандай эркек макул болот? - Унаасын четке токтотту Алияга карап бурулуп отурду, - Мен атам менен апамдан уялып жүрөм, а досторум менен теңтуштарым эмне дешти экен, - Туталана кайра рулду карап, бир колу менен рулду уруп алды.

- Жакен, эгерде ошого капа болгон болсоң ушул бойдон эле жыйыштырып коеюн, - деди Алия акырын.

- Ошентишиң керек!

- Жарайт, мен макулмун, - деп жадырай карап күлүп койду.

- Эгерде ушуну менен жыйыштырсаң мен сени окутуп коем, башка кесиптин ээси болосуң, - деди Жанболот ойлуу.

- Кандай кесип?

- Сен каалагандай.

- Мага бала баккан кесип болот, энеге аны кудайым өзү берген тура, балабызды багып, сенин жумуштан келээриңди күтүп отургандын өзү кандай бакыт? - деди Алия түз жолду карап мелтирей, - Ошону буйруса болду...

- Алия, сенин мага капаланганыңды билип турам, сенин эңсегениңди деле билем, бирок ойносоң серезный ролго барбайсыңбы, сценарийди окуганда деле баш тартып койсоң болот беле, атак беделдүү адамдын бүлөөсү кантип ошондой болсун, же бизди уяткаргың келдиби?

- Жакен, мен сенин ушунчалык капа болооруңду билбептирмин, өбүшкөндөй болгон менен андай эмес, - деп Алия актанып кирди.

- Баары бир көрүнүп турбайбы, кучакташып жатасыңар, эгерде минтип аткарганга макул болсоң эми төшөккө жаткырып тартат, ага дагы макулсуңбу?

- Жок Жакен, мен эми киного тартылбайм, мага үй-бүлөөмдүн гана бекемдиги, сенин мага деген сүйүүң гана керек.

- Эмесе сөз бүттү! - деди да Жанболот унаасын айдап жөнөдү, алар келгенде Бекболот үйдө экен, Сонун ыйлап отуруптур, алар үйдү алганы менен көчкөндү кечеңдетип, ар шылтоону айтып Бекболот болбой жаткан. Сонун болсо заматта көздөн кайым болгон Зайрадан күмөнсүп уруш чыгарган эле, Калыс аны тынчтандырса дагы болбоду.

- Эмне болду Бекен байке? - деди Жанболот отуруп жатып.

- Эчтеке, жеңеңдин ит кыялы кармап жатат.

- Ооба, мен ит кыялмын, сен бир бомжга окшогон шермендени бир жерге катып коюп жүрөсүң, - деди Сонун балбалактап.

- Койсоңчу балам, кантип эле ошентсин, ал бечаранын күнөөсү не, ырас кыйналган экен, кызматыбызды ак иштеди, колуна акысын бергемин, жаш неменин тагдыры биз менен өтүп кетмек беле, ал дагы багын сынап көргүсү келгендир, - деди Калыс токтоо.

- Ошону эле бирөө качан ушул үйдөн чыгат деп аңдып отуруптурбу, ушунун ага көзү түшкөнүн көргөмүн, менден артык бекен ошол?!

- Болду дейм! - Бекболот аны акырая карады, Өмүрбек үйдө жок эле, Алия үстүңкү кабатка чыгып кетти, Жанболот бир аз отурду да ал дагы аялынын артынан кетти. Ал өз бөлмөсүнүн эшигине келгенде Алия бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр, токтой калып тыңшап калды:

- Жеңе, ачыгын айтчы, мен талашпайм дагы, тагдыр мени өз баламдан алыстатпай кайра жакындатканы чын болсо таптакыр карабайм, болгону көңүлүм тынч болот, көз алдымда чоңоет, ооба жеңе, кудай жалгагыр Арген менин балам экенин айтып койчу?! - Жанболот уккан кулагына ишенбей дел боло артка кетээрин же кирип барып ачыгын сураарын билбей туруп калды, - Болуптур жеңе, бир гана жолу эч ким жокто жыттап-жыттап алайын, андан кийин көзүмдү салбаймын, рахмат жеңе! - деди да үнү угулбай калды, Жанболот саамдан соң кирсе Алия жатып алыптыр.

- Уктадыңбы? - деди Жанболот акырын гана.

- Жок, уйку келе элек, - Башын көтөрдү.

- Мен кетейин жумушка, сен үйдө болосуңбу?

- Ооба, үйдө эле болом.

- Макул анда, - деди да Жанболот кайра чыкты: "Кызык эми болду го, Арген мунун баласы тура, төрөгөн экен да, менден эмнеге жашырды, айтып койсо болот эле го, дагы кандай сыры бар болду экен", - деп ойлонуп кетип жатты. Ал ошол күнү жумушунда дагы көңүлсүз отурду, бир кезде анын кабинетине узун бойлуу, кара каш, кара көз, чачтары тармал кыз кирди:

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык, отуруңуз.

- Жок, мени сизге Марат Кубаталиевич жиберди эле, бул папканы карап көрүп кол коюп коюңуз керек, - деди өтө назик үн менен сыпайы сүйлөп.

- Сиз...

- Мен Кубаталиевичтин жаңы катчысымын.

- Жарайт, качанкыга керек?

- Эртең келем, жакшылап карап көрсүн деди.

- Жарайт, - деген Жанболот кызды узата карап отуруп калды, ал чыгып кеткенден кийин: "Ништяк, сулуу кыз экен, Кубаталиевич муну качан ала койду экен, анын колуна келген кыздар "соо" кетчү эмес эле, жөн эле капиталист, убал го бул кызды дагы эрмектесе, ай колго тийсе го", - деп өзүнчө кыялданып алды. Ал бир азга алаксый түштү, Алиянын: "Менин балам болсо айтып кой жеңе, жыттап-жыттап алайын, экинчи карабайм дагы", - дегени кулагына угулуп негедир андан көңүлү кала түшкөнсүдү: "Балким ал ошон үчүн менин айтканыма дароо көнгөндүр, баласынын жанында болгусу келип андан алыстагысы келбей жаткандыр", - деп дагы ойлоду. Чынында дагы ошондой эле, Алияны эгерде Жанболот кетирмек болсо бутуна чөгөлөөгө даяр, Аргенди ага бербесин жакшы билет, бирок андан кадам алыстагысы жок, аргасыз жүргөн, эгерде Сонун болбосо өз каалаганындай көтөрүп, кучагына кысып, наристе жытынан каалаганча искемек. Жанболот түштөн кийин Токон досуна жолугуп калып экөө барга кирип пиво ичип отурушту:

- Жаке, бу аяштын таланты бар турбайбы, дасыккан актрисалардай эле ойноптур, Жамийла эртең силерди конокко чакырам деп жатат, Алияны куттуктап коймокчу.

- Ээ куттуктаганда эмне...

- Кандай жакшы, аялың кинодо жүрсө, гезиттерде сүрөттөрү менен маңкайып чыгып жатса.

- Эми чыкпайт, - деди Жанболот кесе.

- Эмнеге?

- Үй-бүлөөнү же карьераны танда дедим.

- Жинди болдуңбу, кызганып кеткенсиң го кайран досум, бирок бизге абдан жакты, азамат таланттуу экен, - Токон мактай берди, - Жамийла кубанып алыптыр, ага аябай жакты, анан сени мактады, ичи кең көлдөй жигит да Жакен, аялынын таланттын баалайт экен деп жатат.

- Кой дос, башка кепке өтөлү, - деп Жанболот уккусу келбей кол шилтеди, - Өзүңдүн иштериң кандай?

- Буйруса жакшы, жакында бир ишкана ачайын деп жатам.

- Кандай ишкана?

- Жыгач усталык боюнча, өзүң билесиң да, колумдан баары келет, комуз чабам, баарын жасайм, ошону өздөштүрүп, сатыка алып чыгып кол өнөрчүлөрдү топтосомбу дейм.

- Аз-замат, мына ушунуң мага жагат.

- Ошондой, колдон келген өнөрдү басып жатып аркы дүйнөдө ишке ашырмак белем, аялым болсо оюу-чийүүнү билет, аны өзү колго алам деп жатат, - деди мактангандай.

- Эң сонун, Жамиштин да колунан көөр төгүлөт, деги экөөңөрдү кудай билип туруп кошкон да, - Жанболот аны көтөрө мактады, Токон өзү дагы мактаганды жакшы көрөт, бирок абдан ак көңүл, арам оюу жок жакшы жигит. Жанболот экөө пиво менен жүздөн ичип отуруп кызып калышты.

- Кеттикпи досум, аяш дагы күтүп калгандыр? - деди Токон Жанболоттун кызып калганын көрүп.

- Мен эш-ш жакка бар-рбайм! - деди Жанболот, анын мынча ичкенин көрбөгөн Токон бир нерсеге кыжаалат болгонун сезди, бирок эчтеке деп сураган жок, унаасын токтоочу жайга дайындап коюп такси менен үйүнө жеткирди, Калыс эшикти ача коюп чоочуп кетти:

- Карангү-үн, ичип алганбы?

- Аяш эже, бир аз ичип койдук, айып этпеңиз, - деп Токон Жанболотту үстүнө колтуктап алып чыгып эшигин тыкылдатты, Алия жарыкты өчүрүп алып уктап жаткан, түнкү көйнөкчөн эшигин ача коюп чоочуп кетти, Калыс кошо жүргөн.

- Балам, унчукпай жаткырып кой, эртең меен сүйлөшөбүз, - деди ал Алиягы.

- Макул апа, ушунча ичип алыптырбы? - Алия Жанболоттун бир колун ийинине коюп колтуктамак болгондо ал түртүп ийди.

- Ббар-р ары!

- Жакен, болду жатып эс ал, - деди Калыс.

- Мм - Мен бул үйгө жж-атпайм! - деп артына бурулмак болуп жыгылып кете жаздады.

- Кокуй акырын, эсиң менен болчу балам, кайда барат элең, бол ордуңа жат! - деп бир жагынан жөлөп спальныйга алып барды.

- Мм - деди да терең дем алып алды да жатып калды, кызуудан өтүп бир топ мас болсо да апасынан тартынды, Токон кетмек болду эле Калыс аны кетирбей чай ич деп отургузуп коюп өзү алып келди, Сонун долуланып ыйлап-сыктап жатып ата-энесиникине кетип калган, Арген башынан эле Калыс менен жатат, Арсенди көтөрө кеткен, Бекболот аны өз оюна койду. Эртеси ойгонгон Жанболот башы ооруп зорго көзүн ачты, анын эсине Токон менен барда отурганы келди, андан кийинкиси таптакыр эсинде жок. Алия ал жаткандан кийин ойлонуп жатып кеч уктаган, Жанболот козголоору менен эле ойгонуп кетти.

- Жакин, эмнеге бат эле мени жек көрүп калдың? - деди ал ага башын бура көзүн үлбүрөтө, башка жай убакыт болсо уйкудан тургусу келбей жата бермек.

- Эмне болуп кетти?

- Бул жерге жатпайм деп мени Токондун көзүнчө уят кылдың, айтчы менин күнөөм кайсы?

- Мен кызып калыпмын, айтканымды билбейм, - деп Жанболот кийинип туруп жөнөдү, - Апам туруп иш кыла бербесин, кызматчы жок го, сен барып таңкы чайды даярдасаң боло, - деди чыгып баратып.

- Азыр, - деп Алия бош айтты, ал Жанболотко нааразы болуп турду: "Ошол ролдогу эпизод үчүн ушунча кекетеби, ансыз деле ага мен бош эле кучактасаң, күйөөм көрсө кийин эмне дейт, өбүшкөн жерин алып эле койсо кандай болот деп айтпадым беле, чынында өбүшкөн деле жокпуз да ошондой көрүнүү үчүн туура жактан тартты го, минтип жүрсө бат эле ажырашабыз, балам үчүн баарына чыдап ажырашканга жол бербешим керек, балам деп айта албасам дагы көз алдымда бой жетет, өзүнүн бакма экенин угат, анан мен акыры ачыкка чыгарып алам, бала-чакалуу болуп калсак кайда бармак эле, ата-энеси ага чейин жүрө бермек беле, өзүмө көбүрөөк имерип алам да акырындык менен түшүндүрүп алам", - деп ойлонуп алып халатын кийинди да шашыла кийинип жуунчу жайга барса Жанболот жуунуп жатыптыр.

- Апам ашканада жүрөт, бүгүн бирөөнү таап келбесем болбойт, карыганда казан карматпай.

- Тим эле кой, өзүм деле жасайм.

- Түшкө чейин уктасаң кантип жасайсың?

- Жакен, мындан ары эрте турам, даяр болгондо туруп жүрүп көнө түшүпмүн, кабатыр болбочу эми.

- Көрөбүз, - деп коюп чыгып кетти, ал дароо эле сыртка чыгып дүкөнгө барып муздак пиводон ичип кайра келди, Алия ашканада жүргөн, Арген ойгонуп Калыстын алдында отурган эле, Жанболот аны тигиле карап калды: "Көздөрү Алияныкы, чын эле баласы экен, эркек баланын апасына окшош болгону анча байкалбайт тура, кыз болгондо өзүнө союп каптагандай болмок, мурда неге төрөгөнүн айтпады, эмичи - эми деле бир ооз айтып койсо болмок", - деп ойлуу отурганы менен дале эки көзү Аргенде...

Арадан билинбей ай өтүп кетти, Бекболот дагы эле жаңы үйгө көчкүсү келбейт, Сонун болсо ата-энесине барып кайра келген, ал оюндагысын айтып ыйлап барганда алар тилдеп жолго салган, айрыкча апасы ага: "Эркек деген басат, турат кызым, сен жакшы болсоң күйөөңдү ирээнжитпе, балаң турат, отурган кыз орун табат деген бар, минте берсең биротоло калып каласың, жеңилдик кылба", - деди эле ойлонуп кайра эки күндөн кийин баса берген, Алия Жанболот жокто Аргенди кучактап бооруна кысып өөп-өөп алат да кирип кетет, Сонундун көзүнчө такыр карабайт, ал болсо Аргенди Алияга күн өткөн сайын окшоштуруп туталана берчү болду, анын көзүнчө колго, жонго чаап жиберет да: "Кантип калды, боору ооруп кеттиби", - деп Алияга карайт, ал ичи ачышып турса да, жүрөгү зырп этсе да билмексенге салып мисирейгени мисирейген. "Бул эчтекени билбейт окшойт, эгерде баласы экенин билсе карамак", - деп өзүн-өзү жооткотуп алат Сонун. Бекболоттун үйгө кээде келбей калганы, келсе дагы аны карабай "чарчадым", - деп жатып алганы анын чыдамын кетирип баратты. Зайра керээлден кечке үйдө кино көрүп бекер жата берип тажады, айрыкча Бекболот келбей калганда аны кызганып, түнү бою уктабай калчу болду: "Эми келсе ачык айтамын, же мени же аны кетир дейм, минтип акыйып күтүп жата беремби, бул күндөрдүн чеги болобу деги, бирок мен ага аялыңды кетир деп айтпайм дебедим беле, кантип анын бирөөнүн кучагында жатканына чыдайм", - деп ооналактап жатып уктап кетиптир, эшиктин коңгуроосу аны ойготуп жиберди. Таң атып калыптыр.

- Ким? - деди уйкулуу көзү менен Зайра.

- Мен эле, - деди Бекболот, эшикти ачып экөө кучакташып калды, - Сагынып кеттим жаным.

- Мен дагы сагындым.

- Корккон жоксуңбу?

- Корккон жокмун, жалгызсырадым Бекен.

- Шашпа, бирге болобуз, биз ар дайым бирге болобуз, - Көтөрүп алып спальныйга алып барды, - Жарыгым, жарпымды жазчу жан биргем, - Аймалап халатынын көкүрөгүн ачып кош алмасын өпкүлөп киргенде:

- Бекен, жуунуп келчи, - деди Зайра аны төшүнөн түртө.

- Эмнеге? - Бекболот түшүнбөй калды.

- Эми эле аялыңдын койнунан келбедиңби.

- Ха-ха-ха! - Бекболот каткырып өйдө боло берди, - Аялдар эмнеге мынча өзүмчүл болосуңар ыя?

- Өзүмчүлдүк эмес, сен соо келдиңби, аялыңдын да көңүлүн алып мен башка аял менен жүрбөйм, таптазамын деп жанталаша өпкүлөп жаткандырсың?

- Сен мени кызганчы жаркыным, кызганганың мага майдай жагат билсең, - деп чалкасынан жатып калды, көпкө дейре үн катпай жатып анан Зайрага бурулуп аны кучактап алды, - Билсең анын жанында жаттым, бирок шымым чечилген жок.

- Эмнеге?

- Аны түңүлсүн деп жатам, көңүлү калса өзү эле кетет да.

- Ишенбейм, мен сени жоготуп алгым келбейт, күтүп отура бергим да келбейт, сен менин өзүмдүкү болгонуңду каалайм, ырас башында аялыңдан ажыраткым келбейт деп айткамын, бирок өмүр бою минтип күтүп жашоо тозоктун тозогу болот экен, сенин башка аял менен жатканыңды элестеткенимде өзүмдү коеорго жер таппай кетип жатам, түнү бою кирпик какпайм Бекен, - Зайранын үнү каргылдана ызадан келген көз жашка мууна дирилдеп барып токтоду, - Кечир мени, же ушундайда мени бошот же аялыңды кетир, башка чыдай албайм!

- Кичинекейим, ак кушум, булбулум-торгоюм менин, мен сени эч кайда кое бере албайм, сен кеттиң дегиче артыңдан мен дагы кетип жоголомун, кандай мени түшүнө албайсың, азыр Сонун сенден шекип зорго жүрөт, билип эле турат, аргасы жок чыдап жатат, мен ага эртең сөзсүз айтам, сени айтпайм, башка бирөөнү сүйүп калдым, сени менен жашай албайм деп айтам, кандай болоор экен, кандай жаңжал болоор экен көрөмүн, - деди Зайранын төшүнөн жыттай, - Сени эстеп анын жанында бел чечпей келип жатам, ишенбесең жуунуп деле келем, - деп турмак болгондо келин ага чап жармашты:

- Эми ишендим, мен сени эч кимге бергим келбейт, - Экөө оонап жатып калышты, шайы жууркандар жылбышып жерге түштү, бири-бирин лаззатка бөлөгөн соң сулк-сулк жатып калышты. Аздан соң кайрадан бири-бирин бекем кучактап бир кишидей жатты, бул экөөнү бир гана арааны суук ажал гана бөлбөсө башка нерсе бөлө алгыстай эле, Зайранын ушундай улуу сүйүүгө кабылып калаары оюна да келген эмес эле. Орунбайдан коркуп жүрүп күйөө деген эмне экенин да сезбептир. Эми гана өзү каалаган адам менен болгондо ал жашоонун сырларын түшүнүп, кызыгына батып отурбайбы. Чиркин, өмүр дегениң жел кайыктан нерсе го, жел болсо эле жалп деп кыйрап калган, өмүр деген күзгү кыламык кар сымал, күн жылт этсе ээрип жок болуп кеткен, өмүр деген жемиш гүлү, түйүлгөн соң күбүлүп түшүп жок болгон. Адам дагы кези келгенде кайдадыр сапар улап тирүүлүктүн жыргалынан аша кечкендей, жалп этип желге өчкөн шамдай жок болгон. Тирүүдө адам өзүнүн тирүү пенде экенин билип, өзүн баалай билсе гана адам, өзүн баалай, барктай албаган адам башканы кайдан бааласын, башканын кадырын кайдан билсин. Зайра дагы ата-эненин мээримин көрбөй, жалаң кагуу жеп чоңойгондо бир картаң, акылсыз адамдан кордук көрүп баардык адамдарды жек көрчү. Көрсө тирүүлүктө жаман-жакшы, арман менен бакыт дагы үзөңгүлөш бирге болот тура. Ал ушул кезде гана сезди тирүүлүктүн даамын...

Жанболоттун Алияга мурункудай мамиле кылбай калганын ириде Калыс сезди, эки уулунун тагдыры аны түйшөлтүп сары санаа кылып койду. Бекболот келсе дагы Сонунга көңүл бөлбөй балдарын өөп жыттап отуруп алат, Жанболот болсо күндө пивого тоюп кызуу абалда келип жатып алат таң атпай кетип калчу болду. Бир күнү Өмүрбек экөө отурганда Калыс:

- Атасы, балдарыңды сөзгө тартып сүйлөшсөң боло, экөө тең эле аялдарынан алыстап баратат, Алия кош бойлуу, Сонундун балдары бар, деги эмне болгонун билсең боло, - деди кабатырлана.

- Ээ кемпир, Бекен бөлүнбөйм деп жатат өңдөнөт, келиниң кетебиз десе экөө таарынышып жатат да, - деп Өмүрбек бейкапар сүйлөдү, ал уул-келининин сырын кайдан билсин, Калыс байкаган, ал чынында баласынын кыйналып жүргөнүнөн эле билди, анын үстүнө Сонун өзүнүн көзүнчө эле: "Ошол бомж аялга көзүң түшүп бир жерге катып жүрөсүң, менден эле ошол ашык бекен", - деген сөзүн угуп кыжаалат болуп жүргөн.

- Жакениң дагы келинчеги менен араздашып жүргөндөй, ичип келип жатат, - деди аста кабатырланганын жашырбай, - Балдарымдын жашоосуна эмне болду деги, тынчыраак жашап бактылуу болушса көөнүбүз тынч болот эле го?

- Кудай сактасын байбиче, балдарыңдын эси бар, кабатыр боло бербе, - деди Өмүрбек жайгара. Ошол учурда Бекболот кирди, ал дагы бир аз кызуураак эле:

- Ата-апа, кандай жатасыңар? - деп коюп өйдө көтөрүлө бергенде:

- Бекен, кел бери, - деди Өмүрбек.

- Эмне болду ата, мен эс алайын дедим эле, - Бурула туруп калды.

- Анан эс аласың, сүйлөшчү сөз бар, - дегенде ыргылжың боло акырын келип отурду, - Бу жаңы үйгө качан көчөсүңөр?

- Ата, бизди кетире албай эле жатасыңарбы?

- Уулум, келиндин кабагы түшүп капаланып жүрөт, анын да орду бар, өзүңөрчө болгонуңар жакшы эмеспи, Жакен дагы бирдеме болуп жүрөт, деги силерге эмне болду, жаман катын эл бузат, эрди булгайт, жакшы катын эрге ызат көрсөтүп, элди алат", - дегендей экөөңөргө эмне болгон деги? - деди Калыс уулуна карап.

- Апа, эчтеке деле болгон жок, азырынча бөлүнбөйбүз, жаш бала менен Сонун үйдө жалгыз калат, ойлонуп көрүп анан бөлүнөбүз, кабатыр болбо, - деп тим болду. Калыс унчукпай калды, Өмүрбек Бекболотту карап ойлуу отурду да:

- Уулум, апаң экөөбүз силер үчүн кабатыр болуп жатабыз, үй-бүлөөңдү сакта, келин бечарага деле кыйын, балаңар турат, тууган-урук бар, тамды алгандан кийин бата алашыбыз керек, - деди.

- Шашылыштын кереги жок ата, акыры киребиз да, - Бекболот жер карап күңкүлдөдү: "Сонунга азыр айтсам үйдү үч көтөрүп долуланат, аны эптеп үйүнө кете турган кылайын дагы түңүлтөйүн", - деп ойлонуп калды.

- Сонун эмнеге капаланып жүрөт? - деп сурады Өмүрбек, - Болгону эки көзүмдөй болгон эки уулум болсоңор, бир үйдө кармабай өздөрүнчө түтүн булатышсын деген тилегибиз да уулум, - Өмүрбек кабатырланганын ачык билдирди.

- Ата, мен өзүм Сонун менен сүйлөшүп көрөйүнчү.

- Ошент балам, ал деле өзүнчө жашагысы келет да.

- Эмне жетишпей жатыптыр, кудай деп жашай берсин да, кызматчыны дагы жекирип жүрүп кетирди, эми дагы бирөөнү таап келип берем.

- Алия дагы кош бойлуу, ырас эле бир аял таап келбесең болбойт, Сонун эртеден кечке ашканада болуп кыйналып кетти, - деди Калыс, - Жаштары болбойт экен, улгайган аял болсо эле жакшы болот.

- Мейли, эртең эрте таап келем, - Бекболот ордунан турду да үстүңкү кабатка жөнөдү, Сонун кичүү уулун кучактап уктап жаткан, Арген чоң ата, чоң энесинин жанында ойноп отурган, - Сонун уктай бересиңби? - деди акырын түртүп.

- Келдиңби?

- Ооба, сүйлөшө турган сөз бар, тур өйдө.

- Эмне дегиң келет? - Сонун чачтарын саксайта өйдө болуп күйөөсүн жактырбагандай карады.

- Маанилүү сөз, жакшылап түшүнүп ук.

- Айта бер, кулагым сенде.

- Сен экөөбүз ажырашуубуз керек!

- Ээ-эмне-е?! - Сонун колу менен оозун басып үнү чыкпай калгандай көздөрүн алайта туттуга туруп калды.

- Ошо, экөөбүз жашай албай калдык, сен мени түшүнбөйсүң, эч нерсени билбей туруп сүйлөй бересиң, - деди Бекболот токтоо, Сонун унчукпай эси оогондой көпкө отуруп калды да анан көз жашын көлдөтө солкулап:

- Бекен, беш жыл бою баланын үнүн укканга зар болуп бир жолу урушуп, талашпай ынтымактуу жашап келдик, эми минтип уулдуу да болдук, кантип ушуну айтып отурасың, кантип оозуң барды, балдарды кантебиз?

- Арген биерде калат, Арсенди кааласаң ташта, каалабасаң ала кет, өзүм карап турам, - деп Бекболот башын жерге салды.

- Биз сүйүшүп, бири-бирибизден ажырашпас болуп үйлөнбөдүк беле, эгерде сүйүү ушинтип бат эле сууп кала турган болсо сүйүүнүн эмне кереги бар?

- Баарына өзүң күнөөлүүсүң.

- Күнөөм кайсы?

- Мени жөн жерден күнөөлөдүң, ар кайсыны айтып көңүлүмдү калтырдың, жок дегенде бири-бирибизден алыс жашап көрөлү...

- Ырас, менден көңүлүң калган экен ажырашса ажырашалы, - деп Сонун өйдө болду, - Мен кетем, бирок кайрылып келбейм, - Аргенди алып калгыла, баары бир мен аны жакшы көрбөйм, - Кийимдерин жыйыштырып, уулун кийинтип жатты:

- Сени Шамил жеткирип коет.

- Кереги жок, өзүм эле кетем.

- Тил алып Шамил менен кет.

- Сенин жардамыңдын кереги жок! - деди да эки сумканы көтөрүп, баласын бир жагына колтуктап чыгып үстүңкү кабаттан түшүп келе жатканда Калыс утурлай тосту.

- Балам кайда жөнөдүң?

- Үйгө барам, - Кабагы салыңкы, көздөрү шишимик тартып ашыкча сөз айткысы келбеди, көкүрөгүндө ыза бууп, көзүнө мөлтүрөгөн жаштар кылгыра түштү, - Көпкө жүрүп келем...

- Жай-жообун айтсаң боло, эми эле бара турган оюң жок эмес беле капырай?

- Ошондой болуп калды апа, - Сумкалары колун оорутуп жерге кое коюп баласын ооштурду.

- Бекен, өзүң жеткирип койсоң боло! - деп үн салды Калыс.

- Машина жеткирип келет, Шамилге айтып койгомун.

- Баланы берчи мага балам, - деп Калыс ала койду.

- Өзүм эле, - деп басып кетмек болгону менен жыла албады, аргасыз унчукпай берип эки сумканы көтөрмөк болгондо Өмүрбек келип бирин алды.

- Качан келесиң балам?

- Билбейм.

- Кудагыйлар чакырдыбы?

- Ооба...

- Мейли барсаң бар айланайын, неберемди көп кечиктирбей алып кел, - деди Өмүрбек, ошол убакта Алия кирди.

- Жеңе, каякка баратасыз? - деди аларды көрүп, анын сөзү Сонунга какшыктай сезилди:

- Сен дагы менин кейпимди кийээриң алыс эмес! - деди босогодон чыгып баратып.

- Сонун, бул эмне дегениң балам, сенин кейпиң эмне болуптур? - Калыс келининин сөзүнө таңдана артынан чыкты, Алия үндөбөй кирип кетти, бирок ал эч нерсе оюнда жок эле айткан, өзү деле Жанболот менен келише албай, же анын эмне ою бар экенин билбей кыжаалат болуп жүргөн, экөө бири-биринен алыс болуп, аралары салкындап жүрүп билинбей эле үч-төрт ай өтүп кеткен. Күндө кызымтал келет, өзүн карабай жатып алат, Алия андан кийин ролго чакырганда барбады, кош бойлуу экенин шылтоолоду. Көбүнчө өз ичинен: "Бул Аргендин менин төрөгөн балам экенин билип калса керек, балким жеңем айтып койгондур, ошол ролдогу оюн үчүн ушунча болмок беле", - деп ойлоп кетчү, эми Сонун ага айткан сөзүнөн улам: "Демек айтканы чын окшойт, эмнеге өзү кетип жатат, ал мени ушунча жек көрө тургандай эмне кылдым экен", - деп үйгө кирип жатып алды. Кечинде Жанболот келгенде уктап жаткан, ал бир топ кызуу болчу, Өмүрбек Сонундун кебинен улам катуу ойлонуп отурган, Жанболотту көрүп:

- Келдиңби балам? - деди ага кайрыла берип.

- Кандайсыз ата? - Жанболот атасынын сөзүн кайтаралбай жакын келди.

- Кебетең кантет?

- Эмне болуптур?

- Отур! - деди үнүн бийик чыгарып Өмүрбек.

- Ата, аябай чарчадым, эс алайынчы?

- Келин экөөңө эмне болгон?

- Эчтеке...

- Билбейм, эмне кылып жүргөнүңөрдү, ал дагы бирөөнүн баласы го, өзүң эмнеге ичип жүрөсүң, ошону айтчы? - деп ачуулуу карады.

- Жөн эле ата, эми ичпейм, - деди да Жанболот туруп кетти, Өмүрбек аны узата карап калды, Алия уктап жаткан эле, ал кирди дагы жата берди, баштагыдай кумарлуу кучагына албады, аймалап өөп ойготподу, ызаланып көз жашы жаздыкка кулап армандап жатты: "Менин өткөнүмдү бирөөдөн укса керек, балким таптакыр башкача айткандыр, тагдырымдын ушундай болуп калганын кара", - деп ыйлап жатып уктап калды. Жанболот анын солкулдап жатканын байкаса дагы былк этпеди: "Эмне кылсам кыйнабай кетирип жиберсемби, же баарын кечирип жашай берсем бекен, жашоодо жаңылышпаган адам барбы, мен өзүм сүйүп алдым, мени эч ким кыстаган жок, өз жүрөгүмдүн сүйүүсүн өзүм кордогонум болбос", - деп ойлонуп жатканда телефон чырылдап калды, Калыс алды эле чоочун аялдын үнү Жанболотту сурады.

- Аны эмне кыласың? - деп ачуулуу айтканда ар жактагы үн:

- Балаңызга бир чындыкты айтап коюум керек, - деди.

- Эмне деген чындык экен?

- Өзүнө айтам, жашоосун өзгөртө турган чындык.

- Ким болсоң дагы баламдын жашоосуна киришпей жөн жүр! - деп телефонду коюп койду эле кайра чалды, Калыс дагы жини келип трубканы алып койду. Кайра-кайра чалганынан Жанболотту чакырды. Ал трубканы ала койгондо:

- Жанболотсуңбу? - деди телефондогу үн.

- Ооба, бул ким экен?

- Кимди эмне кыласың, Алия сойку болуп жүргөндө төрөгөн баласын билбестиктен агаң менен жеңең багып алган, азыр ал сенин иниң Арген, чындыкты билип көзүң ачылсын дедим, - деди да трубканы коюп койду.

- Ким экен балам, эмне деди? - Калыс суук сөз укчудай кабатырлана карады.

- Эчтеке апа, - деп Жанболот басып кетти, ал дароо эле өйдө көтөрүлүп Алиянын уктап жаткан бөлмөсүнө ачуулуу кирди, - Алия, тур өйдө!

- Эмне болду? - Көздөрү шишиген Алия тура калды.

- Эмне болду деп коет, эмнеге менден сойкулук кылып жүрөнүңдү жашырдың, неге төрөгөн балаң бар экенин жашырдың ыя?!

- Жакен...

- Үндөбө, сенин мындай экениңди билгенде жаныңа жолобос элем, эми баланы атайын көрүп жүрмөк болуп жүргөн максатың экенине анык ишендим, сен көнгөн адатыңды улантыш үчүн ошондой ролдорго макул болуп жүргөн экенсиң да? - деди колун көтөрүп чаап жибере жаздап.

- Жакен, мен эчтеке билген эмесмин, сага айтайын де...

- Эмне деп, Арген мен төрөгөн бала деппи?

- Жок, менин өткөнүмдү.

- Ка-алп, сен билинбей калат деп ойлодуң да.

- Андай эмес, айткым келген, сен укпай...

- Кантип, мен укпай койдумбу ээ? - Кекете карады.

- Ооба, сен мени сүйгөн эмессиң, балаңдын артынан изилдеп жүрүп акыры максатыңа жетипсиң! - деди да жаакка чаап жиберди.

- Аа-ай! - деп кыйкырып ийгенде Калыс менен Өмүрбек кирди.

- Эмне болуп кетти кокуй? - деди Калыс.

- Эчтеке апа, мен Алияны өз үйүнө жеткирип келем, ал кийимиңди! - деп Жанболот Алияга кайрылды.

- Бу силерге эмне болду деги, агаң дагы бүгүн эле Сонунду баласы менен кетирип ийди, деги силерди бирөө бузуп жатабы балам? - деди ыйламсырап Жанболотту кармап калды, - Сен кандай жаман сөз угуп капа болсоң дагы акыры түшүнөсүң, Алия кетпейт, мен кетирбейм!

- Ой бала эсиң менен бол, силерге көз тийдиби, соо эмессиңер, бирөө көрө албастык кылып бузуп жатса үй-бүлөөңөрдөн безгениңер кантип болсун? - деп Өмүрбек дагы уулун карады. Алия кийим кечесин топтоп ыйлаган бойдон:

- Апа, мени кечириңиздер, бул жерде кала албайм, - деди да сыртты көздөй жөнөдү.

- Токто! - деди Жанболот, - Өзүм жеткирем.

- Кереги жок, өзүм эле кетем, сага мен жалынып жабышкан эмесмин, кийин өзүм сүйүп калдым, ошол менин чоң жаңылыштыгым болуптур, баары үчүн кечирим сурайм?! - деди да чыгып кетип баратканда Калыс артынан жетти, колунан кармап алып кое бербей:

- Кой садага, ачуу душман акыл дос деген, эркек деген ошенте берет, көтөрүп кой айланайын, бузукунун тилине кирип жатат го? - деп кетирбей сумкаларын алып ары карай колтуктады, - Араңарда болгонду унут балам, бузукулар ар кандай кылып бузгулары келгенин кудай билет, сен өз ордуңду суутпа балам.

- Кантип апа, кантип жашайбыз, арабыздан өткөн уруш-талаш жашатпайт го? - Алия ыйлап жатты. Жанболот унчукпай ичкери кирип кийинип алып унаасын айдап чыгып кетти, досу Жорага барып экөө пивоканага киришти, Жанболоттун капа болуп турганын көрүп:

- Жаке, капалуусуң го, Алия экөөң жаңжалдаштыңбы? - деди.

- Ошондой досум, көңүл калуу кыйын экен, биз жашап кете алабызбы же жокпу билбейм.

- Алия сенин көңүлүңдү калтыра турган аял эмес го, мүнөзү да жумшак, кандайча урушуп калдыңар?

- Сөз эмес сөзгө таарынып калдымбы, же меники туурабы, өзүм түшүнө албай калдым, - Жанболот оор дем алып алды, бирок ал өз оюн ачык айткысы келбеди.

- Досум, сен Алиянын актрисалыгына каршысың го?

- Ошондой десе да болот, - Пиводон жутуп кайра ойлуу отуруп калды.

- Демек кызганычтан экен го?

- Ошондой, мен сүйүүдөн жаңылып калган окшойм.

- Мен сага бир сөз айтып берейин, менин бир кудам бар, ал биринчи аялы менен ажырашкандан кийин кайра үйлөнмөк болуп тааныш билиштери аял издей башташат, анан эле бир суйкайган сулуу келинге тааныштырышат, кудам аны бир көрүп жактырып үйлөнмөк болгондо ал келин: "Менин ким экенимди, кандай экенимди билбей эле үйлөнүүгө макул болдуңуз, эми мен сизге чындыкты айтып берейин, башкадан укканча өз оозумдан угуп анан бир чечимге келиңиз", - дейт: "Ал кандай сыр", - деп сурайт ал таңгала: "Мен сойкумун, мени бир тааныш кызым алдап барып сатып ийип качып кеткен, көрсө ага акча керек болуп турган экен, андан кийин дагы күчтөп сүйрөп кетип жүрдү, ошондо ыйлап баягы таанышымды каргап кала бердим". "Кызык тура, канча убакыттан бери", - дейт кудам ага көңүл бура карап. "Жарым жыл болду, ошол бойдон мен үйгө бара албай иш таап иштемек болдум, бирок таба албадым, аргасыз иштеп калгам", - деп келин жер карап калат. Кудам катуу ойлонуп калат да ал күнү кетип калат, эртеси келип: "Мен ойлондум, мен сага үйлөнөм", - деп ачык айтыптыр. Эми алар эки балалуу болуп ынтымактуу жашап жатышат, - деди Жора.

- Эмнеге муну мага айтып отурасың? - деп Жанболот андан шекий сурады: "Балким Алиянын сойку экенин билип туруп айтып жаткандыр", - деген күдүк ойдо болду.

- Эмнеге дейсиңби? - Жора ага күлө карады эле ого бетер жини келип чыдамы кетти.

- Ооба, эмнеге угушум керек бул сөзүңдү, икаябы же жомокпу?

- Жаке, Алия аз да болсо оозго алынып калды, таланттуу адамдын жан дүйнөсү башка, сен аны түшүнө албай жатасың го дегеним, эми ар кандай роль аткарууга туура келет, сенин анын талантына бут тосконуң болбойт, менин айткан сөзүмө түшүнсөң сойку болгон кызды оңдогон адам жөнүндө, көрдүңбү ал аны түшүнүп үйлөнүп алып анын багын ачты, а сен билсең чоң талантты басканы турасың.

- Ошондой де... - Жанболоттун күдүк оюу тарай досуна көз токтото карады, - Демек мен аны колдошум керекпи?

- Дал ошондой досум.

- Рахмат досум кеңешиңе, мен дагы ойлонуп көрөйүн, - деди да унчукпай калды, экөө көпкө чейин отурушкан соң үй-үйлөрүнө жөнөштү, келген соң эч кимиси көргөн жок, түн бир убак болуп калган, конок бөлмөгө кирип кеткенде Алия гана билди, ал уктабай тагдырына таарынып жаткан. Жанболот абдан ойлонду бирок эмне кылаарын билбеди, Алияны өзүнүн жанындай сүйөөрүн сезди. Арадан бир айдай өткөндө ага болгон сагынычы күч алганын даана билген соң эртең менен баштагысындай эрте туруп кетип калган жок. Аны көптөн бери көрө албай жүргөн ата-энеси дагы өз оюна коюп койгон, Алияны кетирбей үйдөн кайтарып жатышкан. Үстүңкү кабаттан түшүп келе жатып эле Калыстын алдында чулдурап сүйлөп жаткан Аргенди көрүп тык токтоду:

- Апа-а, атам кана?

- Атаң ишинде балам.

- Апамчы?

- Апаң келет балам.

- Апама байам а-аи?

- Апаң өзү келет садагаң.

Жанболот Аргендин жүзүнөн көзүн албай карап тура берди, же ылдый түшпөй же кайра кирип кетпей нес боло карап турганда:

- Жакен, сага эмне болду балам? - деди Өмүрбек.

- Ата-ата! - деп Арген аны көздөй жүгүрдү, анткени Аргенди Жанболот дагы жакшы көрчү, - Ато-ов! - Ал барын эле ата дей берчү, тилинин келгени ошол эле, жетип кучактап калды, Жанболот ушул көз ирмемде наристени жек көрүп кетти:

- Бар апаңа! - деди да оройлоно басып баратканда Калыс:

- Кантет, бармактай баланы да ошентеби? - деп тура калды.

- Эмне болмок эле ошондон, кызыксыз да апа, - Жанболот ошентти да жуунчу бөлмөгө кирди.

- Келе гой уулум, келчи мага, - деп томсоруп калган Аргенди өзүнө чакырды. Жанболот жуунуп чыкканда Алия туруп келип үстөлдө отурган экен, жүрөгү зырп этип алды, көкүрөктөгү сагынычы тээп чыкты: "Мен Алиямды жоготкум келбейт, мейли башынан кандай окуя өтсө дагы кечирем, бир гана өзүмдүн Алиям болууга тийиш, актриса эмес менин балдарымдын гана апасы болот", - деп ойлонуп анын жанына келип отурду. Аңгыча кызматчы аял таңкы тамак ашын алып келди, Бекболот аны баягыда эле алып келген. Ата-эне үндөбөдү, уул-келинин байкап өздөрүнчө көздөрү менен сүйлөшүп ичтен кубанып жатышты. Бул Жанболоттун Алияны кечиргени болчу, андан кийин Алияны ой-боюна койбой унаасына салып ала кетти...

Бекболот Зайранын чачтарын жасалгалатып, атын башка коймок болуп кеңешти.

- Зайраш, мен сени үйгө алып барып тааныштырганда атың башка болушу керек, - деди көздөрүнө тигиле.

- Кантип барам, таанып коюшсачы?

- Сен баягы Зайра эмессиң, Сонун деле тааныбай калат.

- Чын элеби? - Көздөрүн алайта сурады.

- Чын айтам, сага мен бир ат коем, - деди Бекболот күлүп.

- Кандай ат? - Жоодурай карады.

- Азиза, сага ушул ат жагабы?

- Жагат, жакшы экен.

- Эмесе мындан ары сенин атың Азиза, паспортту жасатабыз, анан закска турабыз, - деп кучактап эркелете өөп алды.

- Жарайт, сен эмне десең макулмун, унутуп калбасам экен, ал үчүн көнүш керек го?

- Көрөсүң, Сонунга барып ажырашууга кол койдуруп келем.

- Койбосочу?

- Коет.

- Кантип билесиң, ажырашпайм десечи? - Мойнуна асылап эркелеп, - Сотко бериши да мүмкүн.

- Азыр баягы заман эмес, эч нерсе кыла албайт, мен аны каалабасам кантип жабышмак эле?

- Бирок акысы бар да, балдарыңар турат, сен аялыңдын жанында болуп келбей калганда кызганычтан өлүп калгым келчү, - Оозун чормойто Бекболоттун оозуна тийгизди, - А сен эч нерседен капарсыз гана жатып жүрдүң ээ?

- Кайдан, сени менен болгондон кийин аны көргүм да келбей калган жаным, - Экөө оонап жатып калышты. Ошондон көп өтпөй Зайраны ээрчитип Бекболот үйүнө алып келди, ал жүрөгү лакылдап сүрдөп: "Таанып коюшсачы, эмне деп айтам, үйдөн кууп чыксачы, бузуку деп урушсачы", - деп бүткөн боюн калтырак басып Бекболот менен ээрчишип кирип келди:

- Ата, - деди Бекболот өздөрүн таңдана карап калган ата-энесине келип, - Мени кечириңиздер, бул кыздын аты Азиза.

- Кел-кел айланайын, отургула, - деди Өмүрбек сыр бербей.

- Отура гой кызым, - деген Калыс "Азизаны" карап көздөрүнөн тааныш бирөөнү көрүп тургандай тигиле, ан сайын Зайранын бүткөн боюн тер басып көздөрүн ала качты, - Бекен менен бирге иштейсиңби?

- Жж-ок...

- Апа, мен Сонун менен ажырашып, Азизага үйлөнөм! - дегенде Өмүрбек менен Калыс бири-бирин карап үнсүз отуруп калышты, Зайра болсо башын көтөрө албай колдорун ушалап отура берди.

- Балам, бул жоосунсуз жорукту кайдан үйрөндүң, үй-бүлөөлүү эркек кантип ушуну кылсын? - деди Өмүрбек.

- Ата, мен Сонунга ачык айтып кетиргемин...

- Ай балам ай, кудайдан тилеп жүрүп бала көрдүңөр эле...

- Кудай да кечирээр ата, Азизаны өзүм жактырдым, - Ошол кезде Батый алардын алдына чай алып келди, үнсүз отуруп чай ичишти, Зайранын тамагынан өтмөк кайда, башын өйдө көтөрө албай отурганда Калыс ага сын көз менен карай суроо узатты:

- Кызым, аялы менен баласын билесиңби?

- Апа, мен баарын түшүндүргөмүн, Азизада күнөө жок, өзүм сүйөм, бизди түшүнгүлө.

- Ата-энең барбы кызым?

- Жок.

- Кай жерден болосуң? - дегенде мурун жерин, тай-тагаларын айтып бергенин эстеп коркуп кетти.

- Мм, мен кай жерден экенимди билбейм, балдар үйүндө өскөмүн, - деп үнү дирилдей зорго айтты.

- Алда-а айланайын ай, тагдырың оор болгон экен, кирдүү кол менен кармагыс бирөөнүн ай-чырайлуу кызы экенсиң, - деп Калыс боору ооруй ага мээрим төгө карады. Ошол саатта эшиктен Сонун кирип келди, аны Бекболот байкабады, Калыс көрүп эле тура калып аны утурлай жөнөгөндө артына кайрылып Сонунду көрүп Зайраны карады:

- Сонун, - деп шыбырады.

- Эмне болот эми?

- Унчукпай отура бер, - деп алар сүйлөшкөнчө Калыс Сонундун колунан Арсенди ала койду.

- Кел балам, өйдө өтүп отур, - деп билмексен боло небересине жалынып жалбарып жатты, - Кичинекей каралдым келген го, сагынганыбызды билдиңби садага, айла-анайын каралдым.

- Мен сени менен сүйлөшүүм керек Бекен, - деди Сонун отурбай жанындагы Зайраны жал-жал карап, бирок тааныбады.

- Айта бер.

- Ажырашканга кол коюшалы, мен дагы турмушка чыкканы жатамын, - Сонун кайната-кайненесинен тайманбай айтканда Бекболот ага көңүл бура карап:

- Эң сонун, мен дагы сага ушул маселе боюнча барганы турган элем, - деди.

- Анда тезирээк барып арыз берүүбүз керек.

- Капырай Сонун, отурсаң боло, - деп Калыс кайпактап калды.

- Балдарым, деги силерге түшүнбөй да калдык, - Өмүрбек келинине карады, - Бу силерге эмне болду деги, балдар турат го?

- Ата, аны балаңыздан сураңыз, жаңылбасам жаңы келиниңер менен бирге кабак-кашыңар былк этпей эле отургансыңар го? - Кекете сүйлөдү, - Мен сиздерге жаман болсом ата-энем үчүн кымбатмын.

- Эми сени жаман деп биз бир ооз айттыкпы капырай? - Калыс тастаңдап сенсиргенине жини келе түштү, - Кетсең дагы балдар үчүн бизди сыйлап койсоң болбойбу, абысыныңдай кашкайбай.

- Ошончолук жеткирдиңер, көрөм балаңардын жашап кеткенин, балаңар дейсиз, Аргенди мен балам дебейм, анын өз энеси маңдайында, эми ага менин керегим да жок!

- Биз Аргенди таштап салмак белек, ушунча болгондон кийин өз эне-атасындай эле карайбыз да.

- Чындык ачуу апа, мен сиздерге чындыкты айткым келет, Аргенди төрөгөн Алия келиниңер болгон! - дегенде Бекболот да, Өмүрбек менен Калыс да аны эси эңгирей карап калышты, - Ошол келгени биздин ынтымагыбыз ыдырады, эми Алия Аргенди алып кетеби де баласы үчүн жашап калабы өзү билсин!

- Сонун, эмне деп жатканыңды билесиңби? - Бекболот ачуулуу тура калды, ошол убакта бактылуу кол кармашкан Жанболот менен Алия кирип келе жаткан, - Оозуңа карап сүйлө, сен менден ошентип өч алгың келип жатабы ыя?!

- Ишенбесең - ишенбе, мен сени ишен деп айтпайм, келиниңер Жакенге ошол бала үчүн тийгенин билип койсун дедим, - Сонун Калыстын колунан баласын алды, - Мен милицияда болом, - деди да чыгып кетти, буларды угуп калган Алия бозоруп артына кайрылып чыгып кеткен Жанболот анын артынан кошо чыкты.

- Алия, Алия токто!

- Жакен, мени өз жайыма кой, эми кантип көрүнөм? - деп бактын ичине кирип алып буркурап ыйлап жатты.

- Мен сени кечиргемин жаным, капалана бербечи, - Жанболот жетип кучактап калды, - Мейли, бардык чындыктын ачылганы жакшы болду, атамдар деле кечирет.

- Кантип, кантип көрүнөм Жакен, эми мен бул жерде кала албайм.

- Эмнеге кала албайсың, мени дагы кечип кетесиңби?

- Айла канча, уят өлүмдөн да катуу дейт го, тоодой-таштай адамдардын алдында көзүмдү кантип көрсөтөм?

- Алиш, кел мындай сүйлөшөбүз.

- Кандай, дагы кандай калпты айтабыз карыларга, бул менин күнөөм болгон соң өз азабымды өзүм тартайын, - деп Алия ыйлап жатты.

- Экөөбүздүн балабыз деп айтам.

- Эмне? - Алия жаштуу көздөрү менен Жанболотко кайрылды.

- Ооба, баарын мен өз мойнума алам.

- Кары кишилерди алдаганыбыз кантип болсун, мен өзүмдү өмүр бою кечире албайм го?

- Өзүңө кел, сен отуруп тур, мен үйгө кирейин, - деп Жанболот Алияны көздөрүнөн өөп сооротту да туруп үйгө кирди, Бекболот да, Өмүрбек менен Калыс дагы үнсүз отурган эле, - Оо келгиле байке, эмне унчукпай отурасыңар? - деди сыр билгизбей.

- Өзүң кайда жүрөсүң? - деди Бекболот, - Жанагы артис аялың кайда жүрөт?

- Эмне болуп кетти?

- Мен андан чындыкты уккум келет.

- Кандай чындык байке?

- Өзүнөн сурайм, - деп Зайраны колдон алды Бекболот, - Жүрү кеттик, ишти бүтүрүп келип булар менен аныгына жетүүм керек, - Алар ээрчише чыгып кетти.

- Балам, таңгаларлык окуя болду, - деди Өмүрбек.

- Табышмактатпай ачыгын айткылачы, деги эмне болду?

- Арген жөнүндө сөз болду, Алиянын төрөп таштаган баласы дейт го?

- Ким айтты?

- Сонун келиптир...

- Демек ал жашыра алган эмес экен да.

- Эмнени? - Калыс уулун элээ карады, - Сен дагы билесиңби?

- Ата-апа, бул менин күнөөм, - деп Жанболот ойлуу отуруп калганда карылар: "Дагы эмне деген шумдукту кулагыбыз угаар экен", - дегендей бири-бирин карап кайра Жанболоттун оозун карашты, - Мен Алия менен эки жыл мурун таанышкамын, экөөбүз эми үйлөнөбүз деп жатканда таарыныша кетип ал менден качып кеткен, боюнда бар экенин айта албай кетиптир, айласы кетип алдырмак болгондо жеңеси алдырбай коюп жеңем Сонун экөө тааныш болгондуктан ага бердирип салыптыр. Адегенде Алия дагы, мен дагы билбей эле жолуккан соң үйлөнгөнбүз, калганы өзүңүздөргө белгилүү...

- Каран калгыр десе, ошондо эле үйлөнөм деп жатып эмнеге унчукпай калды десе, бечарага деле кыйын болгон экен да, - деп Калыс ишенип Алияга кадимкидей боору ооруду.

- Болоор иш болуптур да балам, өз неберебиз экен, аллага шүгүрчүлүк, башканын колуна түшүрбөй өзүбүзгө насип кылганына, - Өмүрбек дагы сакалын сылай ыраазы болгонун билдирди. Жанболот буларды айтты да сыртка чыгып Алиягы бара жатып: "Мен өз сүйүүм үчүн ушуга бардым, Аргенде эмне күнөө, бир кезде жаңылыптыр, катаал тагдыры аны ушуга алып келиптир, мен аны сүйгөндүгүм үчүн кечирүү керек", - деп ойлонуп жете келди.

- Алиш, иш жайында, баары ойдогудай, Арген экөөбүздүн балабыз экенин унутпа, сени сүйгөндүгүм үчүн мен баарына даярмын.

- Чын эле ошого бардыңбы Жакен?

- Бардым, баарын өз мойнума алдым, төрөлө турган наристебиз үчүн.

- Ыраазымын Жакен, - деп мойнуна асылды Алия, ошол убакта ал өз ичинен өзүнө убада берип жатты: "Менин максатым алган жарымдын алдында мындан кийин аппак болуу, мындай жакшы адамды мен кантип кечип кетем, Жакениме татыктуу жар, балдарыма мээримдүү эне болсом болду, талантымды тагдырыма тапшырдым", - деп Жанболотту кучактап солкулдап турганда ичи бүлк этип Жанболоттун ичине тийип кетти. Анткени анын ичинде дагы бир наристе чоңоюп келе жаткан эле. Ошондон көп өтпөй эле Бекболот үйлөнүү той өткөрдү, ал тойдо Алия жүгүрүп конок тосуп тейлеп жүрдү. Зайра турмушка, жашоого ыраазы болуп Бекболоттун кучагында бактылуу жайнайт. Кийин-кийин баары бир чындык ачылып белгилүү болду, бирок Зайранын ийменчээк, ак көңүл, жумшак мүнөзү үйдөгүлөргө жагып калды. Жаңы үйүнө көчүп кеткенде Алия уул төрөп алды, Арген жаш эмеспи кандай тагдырга туш болуп өз энесине кабылганын наристе кайдан билсин, ата-апа деп бактылуу балалыкта өсүп жатты. Бермет менен Айдар катышып турушат, Алия менен Зайра эже-сиңдидей ынак, сырдашып калат. Ошентип чиеленишкен тагдырлар акыры бактылуулук менен аяктады...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз