Айгүл ШАРШЕН


"Таштаба мени апа"


Кундуздун апасы абдан кадыр-барктуу адам, апасы акыл-эстүү аял, бир кезде союздун кой үстүндө торгой жумурткалаган заманында башкарма болуп күпүлдөп турган. Төрт бала чоңойтуп билимдүү болуп, өз-өзүнчө үй-бүлөө күтүп калышкан, кенжеси шаарда турат. Кундуз үчүнчү бала, мектептен эле өз билгенин жасап, менменсинип теңтуштарынан өзүн өйдө көтөрүп текебер болуп өзүн-өзү билген кыз болуп өстү...

Бет алдын көздөй көл-шал болуп аккан көз жашына ээ боло албай кетип жатты, анткени Кундуз ата-энесинен бей чеки иш кылганы үчүн балалыктан кечтим деген сөз угуп шаарга карай катуу таарынып баса бергенине үч жылдын жүзү болгон, дал ошондо боюнда бар экенин да билген эмес эле, анан капысынан Демирге жолукту, ал жалгыз бала экен, атасы жок, апасы бар, базарда соода кылат. Жетелеген баласы эки жашар, тили жаңыдан чыгып келе жаткан, эмесе бул окуяны башынан баяндап берейин...

Сагынбек союздун учурунда башкарма болуп жүргөн, аялы Селки да түшүнүктүү, ар намысту бек туткан аял, Кундуз мектепти бүтөөр жылы классташтары менен оюн-зоокко көп барып, отуруштарда болуп түнкүсүн билгизбей терезеден чыгып кетчү. Экзамен аяктап аны ата-эне окууга жөнөткөнү жатканда ал так секирип туруп алды, ошондо Селки таңгала карап:

- Кызым, сага окшогон жаштар окууга барууну көксөп ак эткенде так этип жатса сенин мунуң эмнең? - деди жылмая.

- Апа, менин окугум келбейт.

- Мейли барбаса, - деди ойлуу Сагынбек, - Өзү каалабаса кантип окумак эле, андан көрө үйдө сага жардам берет, Жамал үйлөнгүчө.

- Ооба ата, - деп Кундуз кубана, атасын кучактап эки бетинен өөп-өөп алды, - Жамал үйлөнгөнчө үйдө эле болом.

- Ма-акул - ма-акул, - деп Селки мээримдүү жылмайып алды, - Бой жеткениңе карабай эркелей бересиң да кызым.

- Эркелесе бир кыз эркелейт да, кызым окубаса күйөөгө берем, - деди Сагынбек жылмая, Кундуз атасын кабак бүркөй карады.

- Ата-а, - Эркелей мурчуйду, - Күйөөгө тийбейм.

- Аны көрөбүз, - деп койду Сагынбек, Кундуз сыртка чыгып кетти, анын учурда сүйлөшүп жүргөн жигити бар болчу, кечти күтүп чыдамы кетип жатты, күүгүм кире тааныш дабыш чыгаары менен бак ичин көздөй атылып жөнөдү. Күтүп турган жигитке жетип бой таштады:

- Кундуз, акыбалың кандай?

- Эң сонун, мен окууга барбайм деп айттым.

- Эмнеге, бара берсең болмок.

- Эй сен мени жакын арада алып кетем дебедиң беле?

- Түшүнчү Кундуз, ооба мен айткамын, бирок болбой жатпайбы, - Эрнис жер карай мукактанды.

- Эмнеге, мени жактырбайбы?

- Жок-жок, андай эмес...


- Анда эмне, шартың жокпу?

- Жок, шарт деле бар, азыр кое тур деп жатат.

- Мен кантем, өзүң мага сөзсүз үйлөнөм деп булгап салып эми жер карап шылтоологуң келип жатабы? - Кундуз Эрнисти демитип кирди, - Андай болсо мен сени алдады деп арыз жазам.

- Койчу эми Кундуз, бир аз күтсөң ата-энемди көндүрөм.

- Сен антип мени алдабачы.

- Алдаганым жок, чын айтам, мен сени сүйөм Кундуз, сенсиз мен жашоомду элестете албайм, - Жигит кызды кучактап оозунан өөп киргенде ал магдыраткан сезимден башы айлана бак түбүнө кучакташып жатып калышты, ошентип алар бир урушуп, бирде талашып убакыт өтө берди, бир күнү Селки кызынын жаткан бөлмөсүнөн таппай калып сыртка чыгып эки жакты карап күйөөсүнө билгизбей дарбазасына келсе бек турат: "Кайда кетип калды", - деп тамды айлана басып баратып шыңк-шыңк эткен дабышты, болгондо да өз кызынын үнүн угуп төбө чачы тик тура:

- Кундуз! - деп үнүн катуу чыгарып жибергенин өзү байкабай да калды, үндү уккан Кундуз шашыла кийинип үйдү көздөй жөнөдү, Эрнис ары карай кетип өзү кирчү тешиктен чыгып кетти.

- Апа, эмне болду? - деди уялбай кашкая.

- Кир! - Ачуусу келгенинен эмне дээрин билбей эненин көзүнө жаман нерселер элестеп кызынын артынан үйгө кирди.

- Караңгыда эмне кылып жүрөсүңөр? - Сагынбек чыгып келе жатып аларга кайрылды, - Уктабайсыңарбы.

- Сыртка чыктык, - деди Селки көзүн ала качып, Сагынбек унчукпай чыгып кетти, Кундуз бөлмөсүнө кирип чечинип жатканы калганда Селки артынан кирди:

- Бизди эл-журтка шерменде кыласың го сен, бул убакта эшикте эмне кылып жүрөсүң, жаныңдагы ким, кайсы бала ыя?

- Апа, эч ким жок...

- Өзүң менен өзүң сүйлөшүп жинди белең, кыңшылаган акмак, эбак бузулгансың го сен? - Бетке чаап жиберди.

- Апа! - Кундуз апасын көздөрүн алайта карады.

- Жаагың сын, сендей кызым жок, атаң биле электе, элге сөз жете электе бул жерден жогол! - деп кайра артына бурулуп кетти, Кундуз солкулдап ыйлап жатты, бирок Эрнистин үйүнө алып кетээр кетпеси күмөн эле, ал кийинки кездери жөн гана кумарын кандыруу үчүн гана келип жүргөнүн өзү деле сезгени менен баары бир колунан келбесин билип калган. Ыйлап жатып: "Чын эле элге билинбей кетип калуум керек, эгерде атам билсе мени өзү өлтүрөт, Эрнис мага үйлөнбөйт, аны ата-энеси бузуп койду окшойт, эми кантем, кандай шылтоо таап үйдөн кетем", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси катуу уктап жатканда иниси Жамалбек ойготту.

- Кундуз эже, апам турсун деп жатат.

- Кое турчу, бир аз уктап алайын, - Уйкусурап ары карап кетти.

- Уйкудан калгансыбай тур, мен сага бүгүн жол каражат дайындайм, ушундайда кетпесең болбойт, - Селки ачуусу али тарабагандай кирди, - Эси бар, бойго жетти деп унчукпай жүрсө...

- Апа, атам жибереби? - деди ордунан араң козголгон Кундуз өйдө болуп.

- Атаңа сени шаарга барып иштесин деп айттым.

- Макул болдубу?

- Ооба, болбогондо эмне, - Жактырбагандай сыртка чыгып баратып, - Бол, туруп жардам бер, - деп койду.

- Макул апа, - Кундуз ыңгырына оозун ача эстеп алды да туруп сыртка чыкты, жуунуп келип апасына жардам берип анан таңкы чайларын ичкен соң Сагынбек кайдадыр кетти, Жамалбек дагы досторуна жолукмак болуп чыгып кеткенде Селки:

- Кундуз, түндөгү бала ким, түн катып ким менен жолугуп жүрөсүң? - деди.

- Апа, жөн эле сүйлөшүп отурдук.

- Ким деп жатам?

- Эмне кыласың эми? - Кундуз туруп кетмек болгондо:

- Отур, ким экенин айтмайынча кутулбайсың! - деп өктөм сүйлөдү Селки, - Түн катып эркек менен жолугуп жүргөн кызда кайсы абийир калат ыя?

- Жолугуп койсо эмне экен?

- Болбойт, ата-энелүү, ар намыстуу кыз түндөсү жүрбөйт, эл караган бетбизди жер карата турган болсоң мени энем деп ушул үйдө турбайсың!

- Апа, жөн эле сүйлөй бересизби, мен эмне кылдым?

- Ок өлүгүңдү көрөйүн десе, осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат деп жүзүн тултуйтуп айтып отурганын кара, кокус бир жаман сөз уксам капа болбо!

- Коркпой эле коюңуз апа, эч кандай жаман сөз болбойт, мени ошончолук эле келесоо деп ойлойсузбу, - Кундуз жаракөрлөнө апасынын моюнан кучактап өөп эркелеп калды, Селки унчуга албады, бирок түнкү кызынын шыңкылдаган үнү кулагына угулуп жүрөгү бир нерсени сезгендей күдүк ой жанын жай алдырбай ичинен сызып калды. Кундуз сыртынан ошенткени менен Эрнистин чечкинсиздигине жини келди, сүйүүсүнө күмөндөнүп: "Ал мени сүйбөйт, эгер сүйгөн болсо мени үйүнө таза бойдон алып бармак, күнөө өзүмдө, баарын өзүм баштадым, эми сыр алдырбай өз бактым үчүн күрөшүүм керек", - деп ойлонуп отурганда курбусу Ажар келип калды, экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан кетээринде Ажар:

- Кундуз, мен жакында турмушка чыкканы жатам, - деп кубанычтуу карады.

- Кимге?

- Эрниске.

- Эмне-е?! - Кундуздун үнү катуу чыгып кеткенде Селки баш бакты.

- Ой, силерге эмне болуп жатат?

- Эчтеке апа, - Кундуз өзүнө келе калып апасына жылмайды, бирок анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп өзүн жаман сезип турган эле: "Эрнис акмак, сен ушундай адам белең, менден дагы Ажар сага артык көрүндүбү", - деп ойлонуп калганда Ажар:

- Сен эмнеге ойлонуп калдың? - деди.

- Аа-а жөн эле, качан...

- Кечээ ата-энеси үйгө келип кетишти, кийинки жумада сөйкө салабыз деп кетишти.

- Жакшы, куттуктайм.

- Рахмат, ошону сага айтып үйлөнгөндө жанымда болосуңбу деп сураганы келгемин, - Ажар кубанычтуу сүйлөп жатты.

- Эрнис экөөңөр сүйлөшүп жүрдүңөр беле? - Кундуз сынай карады, ичи өрттөнүп жүрөгү сыздап ыйлап ийчүдөй зорго турду.

- Жок, атамдар менен жакшы болсо керек.

- Өзүң сүйбөсөң кантип жашайсың?

- Ой азыр сүйүүгө ишенүүгө болобу, колуңда болсо баары болот да досум, Эрнистин ата-энесинин колунда бар, экөөбүз тең жашпыз, жашап кетсе болот, - деп Ажар өз оюн айтты.

- Бактылуу бол, - Кундуз көңүлсүз үн катты.

- Макул, анда мен кетейин.

- Жакшы бар, - Кундуз узатып кала берди, бир туруп Эрнистин үйүнө өзү барып баарын төкпөй чачпай айткысы келип, бир туруп өз намысын ойлонуп жатты. Ошол күнү анын көңүлү ооруп өмүрүндө биринчи жолу тагдырына таарынып турду, кечки тамакты ичип бүткөн соң жатып алды. Баары уктаган кезде Кундуз уйкусу качып ыйлап жатса терезеси тык-тык этти, ыргып тура калып терезеге келип парданы ача салып Эрнисти көрүп ички бугу атылып чыкты.

- Эмнеге келдиң?

- Кундуз, чыксаң бери, сөз бар.

- Сүйлөбө мага, атамдарга көрүнбөй кетип кал!

- Кетпейм, сен мени менен сүйлөшпөсөң кирип барам.

- Азыр, - Кундуз дабыш чыгарбай терезени ачты, - Менин сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Кундуз, сени азыр ата-энемдин алдына жетелеп барам, эгер мени сүйсөң азыр мени менен жүр, - деди Эрнис.

- Эмне-е, сен чындап айтып жатасыңбы? - Кундуз ишене бербей аны карап эмне дээрин билбей калды.

- Чын айтам, кийинип чык кетебиз.

- Ата-энең кабыл албасачы?

- Албаса экөөбүз кол кармашып кетип калабыз.

- Кайда?

- Бол, убакытты текке кетирбей, үйдө толтура туугандардын көзүнчө сени ээрчитип барамын, мен Ажарды албайм, - деп Эрнис чын дилден айтып жатканына Кундуз ишенди да: "Эрнис мени өзү алып кетем деп жатканда эмнеге тартынам, кантип өзүнүн баласын жер каратсын, бири-бирибизди сүйсөк эмне демек эле", - деп ойлонуп кийиминин эң баалуусун кийинип алып Эрнис менен жөнөдү. Эрнисти издеп таппай калган атасы анын кайда кеткенине көз жетпей улуу уулуна табыштап ичкери кирип бараткан эле. Экөөнү көрүп эле дел боло туруп калды:

- Сен кайдан? - деди анан.

- Ата, мен Кундузду сүйөм, башкага үйлөнбөйм!

- Анда ата-энеден кечип башың оогон жакка жогол!

- Эмне болуп жатат? - деп апасы Шааркан чыга калды, Сапар ачуулуу аялына бурулду.

- Балаңды тарбиялаган сенсиң, өз билгенин жасатып, менин Сагынбек менен эл боло албасымды билесиңби? - деп акырая караганда Шааркан бүжүрөй калды.

- Бала экен да чал, эми өткөндү унутсаң болот эле го...

- Унутуппу? - Сапар аялын кекете карады, ошондо бакылдакты угушуп үйдө отургандар чыга калышты.

- Эмне болуп кетти? - Ар бирин карап түшүнбөй турушканда Кундуз колун Эрнистен бошотуп кетип калмак болгондо ал бошотподу.

- Мен баары бир айтканымдан кайтпайм! - деп Эрнис Кундузду колдон ала артын көздөй жөнөгөндө:

- Токто! - деген атасынын үнүнөн тык токтоду, - Азыр чыгып кетсең кайрылып келем деп ойлобо! - дегенде Шааркан тызылдап ийди:

- Атасы, ачууңду бас, балдарды кыйнаба.

- Сен кошо кете бер!

- Болуптур, ушунча жыл жашап балдарым үчүн кадырым болбосо Эрнис эмес бүт балдарымды кошо алып кетем, - деп Шааркан үйгө кирип кеткенде туугандары Сапарды тегеректеп калышты, бирок ал айтканынан кайтпады, ошондо Кундуз Эрнистин колун катуу силкип бошонду да короодон чыгып кетти, Эрнис анын артынан жүгүрүп чыкты, кым-куут болуп калышты. Сапар ачуусу келип эшиктин алдында аркы-терки басып жүрдү, анын көз алдына мындан кырк беш жыл мурун болгон окуя тартылып ойлуу отургучка отурду да баарын эсине алып жатты. Анда Сапар жыйырма бешке толуп турган кези, ушул Шааркан анда он алтыга чыгып бойго жетип калган кыз, бир тойдо көрүп калып сүйүп калды. Анын кимдин кызы экенин иликтеп билип ата-энесин жиберсе алар кызынын кудалап койгон жери бар экенин айтып жолго салышат. Ошондо Сапар тынчып калбай кыздын артынан жүргөндө Сагынбек менен жайлоонун болуп-толуп турган кезинде көк тулаң чөптүн гүлгө оронгон кооз жеринде бойлошо сүйлөшүп, узун чачын жигити кармалап турганын көрөт. Алар көпкө турбады, көп өтпөй кыз үйүн көздөй жөнөп, жигит атын артка буруп бактылуу ышкырып адырларды жаңырта ырдап кетип жатты. Сапардын ага ичи тарып кыздын алдын тосо бастырды.

- Арбаңыз сулуу кыз.

- Бар болуңуз, - Кыз бей тааныш жигитти уяң карады.

- Таанышып алсак кантет, бой жеткен кыз.

- Кечириңиз, таанышууга чолоом жок, анын үстүнө бирөө көрсө ушак айың болбосун, - Кыз өтүп кетмек болду.

- Жаңы ачылган кырдагы кызыл гүлдөй сулуулугуңуз арбады, күнү-түнү тынчымды алып жүрөгүмдү кыйнады, башыңыз бош болсо жуучу түшсөк кантет сулуу? - Сапар атын туура тартып кыз алдын тосту.

- Кечигип калдыңыз го, башым да, жүрөгүм да бош эмес.

- Кантип эле, кыз жүрөгү бирди эмес көптү сүйөт деп уккам.

- Жаңылыш угупсуз, кыз жүрөгү сүйүүгө туруктуу келет, сиз менин убактымды коротуп жатасыз, айыл ичинде кыз толтура, сиз дагы өзүңүзгө ылайыктууну табаарыңызга күмөнүм жок! - деп Шааркан жини келе жолдон буйтап өтүп кетээрде кыздын эңкейе калып карысынан алды Сапар, - Кое бериңиз!

- Кое берчү мен эмес, кутулуп кетчү сиз эмес, атыңыз ким сулуу?

- Атым Шааркан, болуп койгон күйөөм бар, кое бериңиз.

- Балким насипке буйругандыкы болуп калаар, - Кытмыр жылмайып ушул азыр эле эңип алып кетип калгысы келди, бирок ата-энесинен тартынды, - Күйөөңүздү сүйөсүзбү?

- Колумду кое берип сураңыз, ооруп кетти.

- Жарайт, - деп кое бергенде аттын дабышынан улам бурулуп караса Сагынбек келе жатыптыр.

- Курдаш, бейчеки кыздарга тийишүү салтта жок эле.

- Аа-а, салтты билбейт экенмин, бирок жигит көзү түшкөн кызга тийишүүгө неге болбосун? - деп Сапар ага кыжырлана карады.

- Болот го, бирок кайыны бар кызга уруксат жок.

- Сиз белеңиз бул сулуунун башын байлаган? - Какшыктай мазактагандай жылмая карады.

- Башын байлагыдай мал эмес ко, биздин жүрөктөр табышкан жигит, биз кас душман эмес адамбыз, эр жигитпиз, өз-өз жолубуз менен болсок кантет? - Сагынбек жумшак сүйлөп ага чын дилинен түшүндүрмөк болду, - Кааласаң көкүрөк тирешип дос болууга даярмын.

- Мен мындай кезде дос эмес кас болууга даярмын! - деди да Сапар атын башка чаап артка бурду да чаап кетип калды.

- Сенин келгениң жакшы болбодубу, абийиримди төгөбү деп коркуп кеттим, - деди Шааркан ыйламсырай.

- Коркпо жаным, мындан ары үйдөн алыс кетпейбиз, - деп Сагынбек кызды шап алдына өңөрүп алып үйүнүн жанына алып барып түшүрдү, - Кош көрүшкөнчө, этият бол.

- Өзүң дагы, сөзү жаман неме экен, зыяны тийип жүрбөсүн, - деп кыз жигитин жал-жал карап турду.

- Кам санаба, андагы күч менде да бар, андагы намыс менде да бар, коркпой үйгө кир, эртеңге чейин, - деп дароо аттын башын бурду.

- Эртеңкиге чейин, - деген шыбыр сөзүн уккан жок, кыз телмире жигитинин артынан карап тура берди, ал ушул кезде эртең кайра көрбөөчүдөй жүрөгү бир булкуп алды: "Кудай ай, неге эле жүрөгүм опкоолжуйт, бир нерсе болбогондой эле, Сагынга зыяны тийбесе экен, эртерээк эле тоюбуз болуп бирге болуп калсак көзүн агыткандар үмүтүн үзүп калат эле", - деп ойлонуп артына бурулуп жеңесин көрдү да жүзү кызара уялып кетти.

- Кызыке, күйөө баланы узаттыңбы?

- Ооба жеңе.

- Тойду да жакында болот дешти, эми сен дагы өз элиңди таап кетээриңе аз калды, - Күмүш улутунуп алды, - Ата-эненин төрүндө өсүп, ээн эркин өскөн кыз дүйнө ай, сен дагы ушул кезди сагынасың бир кезде.

- Жеңе, сиз агамды сүйдүңүз беле?

- Жо-ок, мен сүйүү деген эмне экенин деле билбепмин.

- Анда акем сизди сүйгөн го?

- Билбейм, нике кайыптан го?

- Нике кайып деген эмне?

- Буйруган адамга туш келгенди нике кайып дешет.

- Кызык экен, а сиздин болуп койгонуңуз жок беле?

- Агаңа биз төрөлө электе эле энчилеп коюптур да, бел куда болушкан экен.

- Кызык тура, бири-бириңерди көрбөй элеби?

- Ооба, атамдар дос болуптур, анан экөөнүн тең аялдары кош бойлуу экен, бакылдашып кымыз ичип отурушуп эле экөө кол алыша кетип куда болуп коюшат, адегенде Камчы төрөлөт, андан эки айдан кийин мен төрөлүптүрмүн, ошол сөздөрүн далилдеп чын куда болуп атаң менин көрүндүгүмө тай жетелеп барыптыр.

- Ай-ий де, анан экөөңөр тең баш тартпай үйлөнүп алдыңарбы? - Шааркан жеңесин таңгала карады.

- Ата-эне эмне десе ошону аткарабыз да, - деп Күмүш күлүмсүрөп койду, - Жүрү үйгө, апам сени ойлонуп кыжаалат болуп жатат.

- Жеңе.

- Ийи.

- Бир жигит Сагынбек менен мен тууралуу жаман айтышып кетти, урушуп кетишпесе болду? - Кыз корккондой карады.

- Эчтеке эмес кызыке, жигиттер тээ илгертен эле сендей сулуу кыздар үчүн урушуп келген, - Күмүш кайын сиңдисин мээримдүү карап далысына колун кое үйдү көздөй басты, - Сен сулуу кызсың, сени көрүп ашык болбогон жигиттин көзү сокур.

- Койчу жеңе.

- Койбой эле, Айчүрөк менен Каныкей болсо сенчелик болгондур, - Үйгө кирип келишти.

- Келдиңби кызым?

- Ооба апа.

- Кыз ата-эненин төрүнөн илгери жигит менен алыска кетпей өргөөдө гана жолугушчу эле, мейли эми, тоюң жакындап калды, капа кылбайын кызым, - деп эне кызын мээримге толгон көзү менен күлүмсүрөй карады, - Бел куда болгондо атаң менен урушуп жүрдүм эле, ушу Күмүш менен Камчынын тагдыры кандай болот деп, кудайга шүгүр, бала-чакалуу болуп ынтымактуу, - деп эне кубангандай келинине карады, - Айланайын келиним дагы алдына аял салбаган келин болду.

- Койчу апа, ашыра мактап жибердиңиз.

- Жүрөгүмдөгүнү айтам да балам, он жылдан ашты, Камчы экөөңөрдүн бири-бириңерге жүз үйрүгөнүңөрдү көрө элекмин, кудай кут кылсын садага.

- Апа, эмнеге бел куда болгонсуңар?

- Кызым, атаң менен Бекмат куда кыйын достордон болчу, ошол достугун ого бетер жакындатып, бири-биринен алыстабас үчүн түбөлүк куда болушту, мына эми бир туугандайбыз, балдар дагы ынтымактуу.

- Меничи, эмнеге мени кудалап койгонсуңар?

- Эмнеге антип сурадың кызым? - Эне кызын үрпөйө карады: "Ботом буга эмне болгон, Сагынбек экөө келише алышпай калдыбы", - деген күдүк ой анын башына келгенде сары санаа боло түштү.

- Деги да, кудалабай койсо болбойт беле?

- Токтомат атаңдын жээндери болот, сөөк жаңыртабыз деп ал мындан беш жыл мурун үйгө келиптир, сенин беш көкүл кезиң, Сагынбек деле жаш, анан салттан тайыган болобу кызым, анын апасы атаңдын чоң энебиздин бир тууганы экен, ошентип арбакты сыйлап кудалаштык, Сагынбек бизге дагы жакты, акыл-эстүү жигит, колунда бар же сага жакпайбы? - Эне кызын сынай карады.

- Деги айтам да, - Шааркан уялганынан кызара жер карады.

- Садагаң кетейин, бактың ачылсын, Сагынбегим сени кор кылбай турган жигит, жүнү тирүү кызым, сен дагы ошого татыктуу болууң керек, аял жакшы болсо жакшы эркектин иши жүрүп эл ичинде барктуу болот, жаман аял жакшы эрди кармай албай өмүр бою чүнчүтүп өткөрөт кызым, акыл менен иш кылган акылдуу жар бол садага, бара турган жериң да жаман эмес, сени кор кылбайт кызым.

- Жарайт апа, - Шааркан туруп өз бөлмөсүн көздөй баратканда Камчы кирди:

- Апа, Сагынбекти бирөөлөр сабап кетиптир!

- Эмне дейт ботом? - Эне делдээ карады уулун, - Аман бекен?

- Аман дейт, бирок буту менен бели сынган деп айтыптыр сыныкчы Аалы.

- Карангүн ай, кандай ниети куураган немелер болду экен? - Эне кейип-кепчип калды, Шааркан турган жеринде катып калды: "Жанагы неме... менин кесиримден келтек жеген тура, эми эмне болот, аа-а өлүп калсачы", - деп ойлоп көзүнө жаш тегерене бөлмөсүнө кирип кетти.

- Апа, барып ал-абалын билип келүүбүз керек, барбасак болбойт го? - деди Камчы, - Атам кайда кеткен?

- Атаң тоодогу малды көрүп келмек болуп кеткен.

- Анда биз барып келели.

- Болуптур балам, барса баралы, аман болгой эле, - Эне шашыла кийинип чыга калды, - Күмүш сен үйдө бол балам, атаң келсе айтаарсың.

- Макул апа.

- Биз кеттик, - Камчы апасын ээрчите чыгып кетти, алар үйдөн чыгаары менен Шааркан бөлмөдөн чыга калды:

- Жеңе, эми эмне болот, жанагы эле неме кылды, - Ыйлаган көздөрү кызара жеңесин үмүттүү карады.

- Сен аны тааныйсыңбы?

- Жок, атын да билбейм.

- Кызык, ал жигит сени ошончолук сүйөт экен го?

- Сүйбөсө койсунчу.

- Коркпо, жакшы болуп кетээр...

- Корком жеңе.

- Кабатыр болбой сабыр сакта кызыке, мен балдарды уктатып коеюнчу, анан апамдарды күтөлү, атам дагы келип калаар, - деп Күмүш өздөрү жатчу бөлмөгө кирип кеткенде эшиктен үч-төрт шкафтай болгон жигиттер кирип келип Шаарканды көтөрүп чыгып кетишти. Күмүш кыздын үнүн угуп чыга калып атчандардын дүбүртү узап баратканын, караандары бүлбүл көрүнгөнүн көрүп эмне кылаарын билбей туруп калды... Ошентип Шаарканды Сапар ала качып кетти, Сагынбектин атасы бир топ аксакал менен алардын эшигине келип туруп калганда Сапардын атасы Жоомарт кол куушура курун мойнуна салып кечирим сурады. Шааркандын атасы алдыга чыгып:

- Бул эмне деген кылыгы балаңдын, салтты түшүндүрүп тарбия бере алган эмес экенсиң Жоомарт, кызымдын башы бош эмес деп айтпадым беле, бул ээнбаштыгы үчүн балаң өкмөт алдында жооп берсин!

- Кулдугум бар, уулумдун каталыгын кечир Акмат, ал үчүн айыбын тартайын, кыргызча чечели, качан кыргыз соттошчу эле? - деп Жоомарт тизээлей калды.

- Андай экен уулумдун жабыр тартканын кантесиң? - деди Бекмат кекээр үн менен, - Андай эле кыз керек болсо уулума тийбей ала бербейби?!

- Кечиргиле аксакалдар, баарын өзүм төлөйм, уулуңдун аман калганына кубанып турам, кеткен калыңды...

- Кеттик, - деди Бекмат жанындагыларга, - Кыз буларга буйрук экен, эшик аттаган кызды эми кайда алып кетмек элек? - деп атын бир чаап Акматка дагы карабай жүрүп кетишти, Акмат да үндөбөй артына кайтты, ошонун эртеси эле Жоомарт адегенде Бекматтын үйүнө бир кулундуу бээ, музоолуу уй, он чакты кой менен кийит-кече кылып бир топ аксакалдар менен түшүп Сагынбекти көрүп кетишти, андан кийин Акматтын үйүнө бир жорго баштап ар бир малдан тогуздап түштү, аргасыз кудалашып калышты. Сагынбек атасына нааразы болуп сакайганча жүзүн карабай жүрдү, оюнан Шааркандын балбылдаган көздөрү, уяң мүнөзү, аппак жүзү кетпей эстеген сайын муштумдары түйүлө, жаактары карыша тиштенип ызасынан зорго жатты, бир айдан ашканда зорго таяк менен сыртка кирип-чыгып калды, бирок анын ички кеги дагы да кайнап турганын эч кимиси сезген жок. Жаңыдан колхоздоштуруп, советтик доордун өкүмүнө бей-бечаралар менен бай манаптар баш ийип, басмачылар жоюлуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып эски салтты четке кагып, кудай жок деген атеисттер чыга калган маалда алдуу-күчтүү жигиттерди ишке тартып, кээсин окууга жөнөтүп кадр өстүрүп жаткан кезде Сагынбекти кеңсеге чакырып башкармалыкка дайындашты. Ошол кезде Сапар дагы совхоздун бир жагын чоюп күпүлдөп турган, экөө бир райондук чогулушта беттеше түштү, Сагынбек бир карап алды да басып кетти, тагдыр экөөнү дагы ошентип бир кеңседе иштетип койду. Иш боюнча аргасыз сүйлөшүшөт, Сапар бухгалтер болчу, кийин Сагынбек директорлукка жеткенде кылдан кыйкым таап кесилип кетээрде кеңсеге Шааркан баш бакты, ал бир балалуу болуп, экинчиси боюнда бар эле. Аны көргөн Сагынбек ордунан тура калды.

- Кел, кел Шааркан.

- Келдим Сагынбек, Сапарда кегиң бар экенин билем, бирок тагдырга баш ийбей кое албайт экенбиз, кудай бизди кошподу, эми аны аябасаң дагы экөөбүздүн аруу бойдон сакталып калган ак сүйүүбүз үчүн, балдарым менен менин бактым үчүн ая!

- Шааркан...

- Ооба, алдыңа келгенимди Сапар билбейт, баары сенин колуңда, өзүң бил Сагынбек.

- Шааркан, сен баягы эле бойдон экенсиң, Сапар сага жамандык кылбадыбы, жүрөгүңдү оорутпадыбы? - Жанына келип колун кармады, - Айтчы бактылуусуңбу?

- Адамдын бактылуу же бактысыздыгы жүзүнөн билинбейт да Сагынбек, ал эмес мен анын жүрөгүн эчен ирээт ооруттум, далай түндү көз жашымды төгүп өткөрдүм, бирок бечара ал баарына чыдап келе жатат.

- Бактылуу экениңди көрсөм дедим эле, кам санаба, өзүм ирээттеп коем, сен үчүн баарын жасайм Шааркан.

- Ыраазымын, сага келгенимди Сапар билбеген бойдон калсын, кош аман жүр! - деп Шааркан колун бошото артына бурулду.

- Кош алтыным, кудай кошподу кантели, - Сагынбек шалдая отуруп калды, башын мыкчып отуруп үстөлдү бир муштап алды. Сагынбек атайын күнөөлөгүсү келип бир топ кагаздарын катып койгон, ошол эле күнү баарын толук тактатып орду-ордуна койду: "Мен эмне, тагдырым менен талашып. Өз таалайым менен ойногону жатамбы, Шааркан баарына акылдуулук, токтоолук менен көнүп, аргасыздан баш ийген тура, мейли ал бактылуу болсо болду", - деп ойлонуп жатты. Бирок Сапар андан кийин ал совхозго иштеген жок, коңшу айылга кетип калды, ошол бойдон алар беттешишпеди, Шааркандын кеңсеге барганын деле билди, бирок билмексен болду... Ушуларды ойлонуп отурган Сапарды бир тууган иниси түрткүлөдү.

- Аке, жеңем дагы кетип жатат.

- Эмне, каякка? - Тура калды Сапар.

- Төркүнүнө кетем, карыганча сенден бийлик талашып сөз кайрыбай, айтканың менен болуп келдим, балдарым чоңойгончо бир дагы каяша кылбай келдим, көңүл оорусун жүрөгүң менен туюп билип турсаң дагы сезгиң келбейт, - деди Шааркан, улуу баласы Эмилис апасын колтуктап жайдары күлдү.

- Апа, мунуңуз болбойт го, атамды кечирип коюңузчу.

- Кана Эрнис, ал кайда кетти, кимиңер кабар алдыңар?

- Апа, таң атса Сагынбектин үйүнө барабыз да кызына куда түшөбүз, анан баары өз-өз ордуна келет.

- Жо-ок! - деди Сапар үнүнүн бардыгынча бакырып.

- Ата, ал экөөңөрдүн кандай кегиңер бар деги, балдар үчүн кечип коюуга болбой турган ишпи? - Эмилис атасына түшүнбөй карады, - Эрнис баары бир кайтпайт өз оюнан.

- Кайтпаса кете берсин, менин андай уулум жок! - Сапар терс бурулду.

- Болуптур, кырк беш жыл мурунку окуя сенин сөөгүңдү биротоло карайтып койгон экен, а мен ошончо жыл ичимден сызып сенин кетирген катаңды кечирип жар болуп бердим, ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңуп балдар үчүн жашап келдим, эми экөөбүз айрылыш жолго келиппиз, - деди да Шааркан Эмилиске кайрылды, - Айда машинаңды, агамдыкына жеткир!

- Макул апа, - Эмилис волгасын айдап апасын жанына отургузуп жөнөдү. Сапар үндөбөй кала берди. Кундуз болсо ыйлаган бойдон жүгүрүп үйүнө келип шырп алдырбай терезеден кирип жатып алып ыйлап жатты. Эрнис келгенде сыртта Сагынбек жүргөн, ал сыртка жаңы эле чыккан, жөтөлүп аркы-терки басып жүргөнүн көрүп даай албай көпкө турду да кайра артына жөнөдү, ал Шааркан кеткенден кийин келди, Сапар ачуулана аркы-терки басып, туугандары ар кимиси ар жерде отурушкан.

- Акмак, иттин гана баласы! - Сапар Эрнисти көрүп жининин келгенинен кара көк болуп кетти, - иттин баласы десе, Сагынбектин кызынан башка кыз түгөнүп калыптырбы?!

- Ата, баары бир Кундуздан башкага үйлөнбөйм!

- Эмне, эмне дедиң иттин баласы? - деп уулуна колун көтөрүп чапмак болуп келе жатканда иниси Капар агасынын алдын тосту, ал баарын билчү.

- Аке, өзүң деле толгон кыздан кудалаганына карабай, башка кызды көрбөй калган кезиң болбоду беле, Эрнис өзүңдү тарткан тура, - дегенде ого бетер кыйкырды.

- Ооба, мен ошондой кылгамын, жеңең экөөңөр ошонун өчүн эми алгыңар келдиби, мен Сагынбек менен бир дасторкондо отуруп куда болушум керекпи ыя?

- Кудай кошсо кубарыңдын акысы барбы деген аке, жашоонун агымына көнбөй кое албайт да пенде.

- Сен көнө бер, мен көнбөйм! - деп ары басып кетти, эч кимиси үндөбөй үйгө кирип жатып алышты, Капар өз үйүнө кетти, Сапар ал күнү бел чечип жатпады, ойлонуп жатып таң атырды. Эрнистин кайда кеткенин таппай калышты. Кундуз түнү бою ыйлап чыгып таң ата көзү илинген, аны Селки ойготту. Көздөрү шишип калганын көрүп:

- Эмне шишип калгансың кызым? - деди үрпөңдөй.

- Билбейм, башым ооруп жатат.

- Ооруп калдыңбы? - Селки кызынын чекесин басып көрүп чоочуп кетти, анын башы ысып турган, - Сууктап калгансың го?

- Апа, жата турайынчы?

- Мейли, мен сага ысык бирдеме алып келейин ээ?

- Макул, - деген Кундуз түндөгү болгон окуя көз алдына элестеп көзүнө жаш айлана ары бурулуп төшөктү чүмкөнүп алды.

- Ким келди ботом, эшиктен бирөө кирди го? - деп сыртка чыгып барып абысынын көрдү, ал Сагынбектин эки бир туугандын аялы болчу, Сайра Капардын аялы менен бир тууган эле, түнкү окуяны сиңдисинен угуп дароо жеткирүүгө келген, - Кел Сайра, тынчылыкпы деги таң атпай...

- Тынчылык болсо эмне келем жеңе, - Сайра шыпшына үйгө кирип эки жакты карап алды, - Кундуз үйдөбү?

- Ооба, үйдө эле.

- Жеңе, сиз Сапарды билесизби?

- Ооба, эмне болуптур?

- Ошонун баласына Бекшенбектин кызын алып бермек болуптур, анан баласы аны албайм деп түндө Кундузду жетелеп барган экен Сапар кууп чыгыптыр, ага жини келип аялы да төркүнүнө кетип калыптыр, - деди абысынын сынай карап.

- Ой Сайра, Кундуз түндө кайдан барыптыр, үйдө эле болду го ботом? - Селки абысынын жаман көрө карады.

- Апей жеңе, анда мен калп айтканымбы, сиңдим Капардын аялы айтты.

- Капырай...

- Жеңе, акем менен Сапардын сөөк өтчү кеги барбы?

- Кайдагыны айтпачы айланайын, мен аны кайдан билем? - деген Селки ойлонуп калды, ал чет жакасын уккан эле.

- Иши кылса баласы атасына таарынып кетип калыптыр.

- Кайда кетет ботом?

- Билбейм, Кундузду жетелеп барганын туугандарынын баары көрүптүр, аялы күйөөсүнө макул бол, баланын оюна кой десе болбой кубалап чыгыптыр, - деп жатканда Сагынбек сырттан кирди.

- Кызың кайда? - деди каардуу аялына кайрылып.

- Уктап жатат.

- Чакыр бери!

- Эмне болуп кетти ботом?

- Чакыр дейм! - дегенде Сайра чыга качты, Кундуз атасынын үнүнөн коркуп кетти, Селки аны тургузду:

- Карангүн ай, кечээ кетип кал десе болбой туруп алдың, эми бул эмне деген жоругуң эле, бас атаңа өзүң жооп бер.

- Апа, эмне болот эми?

- Билбейм, көрөсүң да, - Эне-бала ээрчише Сагынбек отурган бөлмөгө киргенде ачууланып отурган ал:

- Кыз бала деп оюңа коюп эркелетип койсо кадырымды эл алдында сен түшүрүпсүң, бул үйдөн ушул бүгүн жогол! - деди.

- Ата...

- Бас жаагыңды, сендей кызым жок!

- Ата, кечирчи мени.

- Кечире турган ишпи, ал акмактын үйүнө эмнеге бардың ыя?

- Ата, Эрнис экөөбүз...

- Сүйлөбө!

- Атасы, эми жаштар эмеспи...

- Сен унчукпа, кетир кызыңды! - деди да чыгып кетти.

- Мейли кызым, атаңдын айтканынан кайтпасын билесиң, ачуусу тараганча алысыраак боло тур, атаң акыры кечирет, кайда бармак эле? - деп кызына боору ооруп каткан акчасын берди, кийим-кечесин даярдап ыйлап-сыктап дароо эле жолго чыгарды, - Шаарда бараар жериң жок кызым, этият бол, адегенде жатакана тап, андан кийин иште, сендей эле элдин кыздары иштеп жашап жатышпайбы.

- Макул апа, мени кечириңиз, - Кундуз көз жашын салаалата таксиге отуруп жөнөп кетти. Шаарга келип батир издеп сураштырып эптеп күнүгө төлөнчү батир тапты да жатып калды, ал бөлмөдө андан башка дагы төрт кыз-келин бар экен, адеген эле күнү алар менен таанышып алды, ар кимиси ар кайсы жактан экен, ар кандай иште иштешет.

- Эми эмне кылмаксың? - деди Замира ага кайрыла, - Эмне иш колуңдан келет?

- Билбейм, көрөм да.

- Кантип, бир ишти көздөшүң керек да.

- Акчаң болсо соода кылганың жакшы, - деди Калбү.

- Акча аз да...

- Канча акчаң бар?

- Үч миң .

- Болот, ага бир топ эле товар аласың.

- Анда соодага киришейинби? - Кундуз аларды жал-жал карады.

- Ошент, мен сага товар алганга жардам берем.

- Макул, - деп ойлонуп калды, бирок эртеси алар товарга барбады, радиоузелден сатуучулукка реализатор издеген аялга жолугуп аны менен сүйлөшүп дароо эле кетти. Павильионго сатуучулукка орношуп кыйналбай эле иштеп калды, көңүлүндөгү ызадан али арыла элек, эсинен Эрнис кетпей туруп алды, ага дилинде ыраазы: "Мени сүйөм дегени менен атасы каршы тура, эмнеге ал ошончолук каршыгып туруп алды, атам экөөнүн кандай сыры бар болду экен, эмне үчүн бири-бирин көргүсү келбейт", - деген суроо жадынан чыкпай басса-турса ойлуу. Бир күнү ага бир жигит келип сүйлөшүп туруп калды, аты Дуулат эле, Кундуз аны менен сүйлөшкүсү келбей соодага алаксып жатса да кетпей туруп алды.

- Чоң кыз, атыңызды айтып койбойсузбу, - деди Кундуздун колу бошой калган кезде.

- Атым Кундуз.

- Менин атым Дуулат, базарда соода кылам, кудайга шүгүр, жалаң кожный кийим сатам.

- Жакшы.

- Кайдан болосуз?

- Чоң - Арыктан.

- Аа-а, Чүйлүк экенсиз да?

- Ооба.

- Мен Баткенден болом.

- Ий-и, - деп кардарга бурулду, ал алаксып калганда Дуулат кетип калды, ошентип ал көпкө чейин келип кетип жүрдү, күндө кечке маал же эртең менен келет, бир сааттай туруп аркы-беркини сүйлөшүп отуруп анан кетет. Кундуздун айлыгы жакшы болчу, жатаканасы да жакын, эрте келип кеч кайтат, бир күнү ал кеч дүкөндү жаап эми жолго чыга бергенде алдынан Дуулат чыкты:

- Кандай Кундуз?

- Жакшы өзүңөр?

- Баары жакшы, жүрбөйсүзбү чайлашалы.

- Жок, чарчадым, эс алуум керек рахмат.

- Койчу эми, бир аз отуруп кененирээк сүйлөшсөк болбойбу?

- Убактым жок.

- Кундуз...

- Угуп жатам.

- Мен сени жактырып калдым, үйлөнүп албайлыбы?

- Жок-жок...

- Неге, сүйгөнүң барбы?

- Мм, - Кундуз ойлонуп саамга турду да, - Менин күйөөм бар, - деди.

- Койчу, ал кайда?

- Москвада.

- Иштейби?

- Мм, ооба...

- Сендей сулуу колуктусун таштап Россияда эмне кылып жүрөт?

- Жумуш да.

- Мен сендей колуктумду жарым мүнөткө калтырмак эмесмин.

- Ар бир адам өз шартына карайт да, - Кундуздун калп айтканга жүзү кызарып жүрөгү мыжыла түштү, калп айтпаска аргасы да жок эле, өзүнүн абийири жок экенине, алданып жаштык - мастык кылып койгонуна өкүнүп жүргөн болчу.

- Ошондой болушу мүмкүн, канча болду үйлөнгөнүңөргө?

- Бир жылдан ашты.

- Балалуу болдуңарбы?

- Эмне? - Чоочуп кетип жүрөгү болк этти, - Аа-а али эрте го?

- Кеткенине канча болду?

- Эки-үч ай.

- Анда сагынып жүрсөң керек? - Күлүп калды Дуулат.

- Ооба, аябай сагындым, - Кундуз кыжынгандай, бирок чынында Эрнисти сагынганын, көргүсү келгенин сезе жооп кылды.

- Алган жарың жакшы адамбы Кундуз?

- Ооба, жакшы эле.

- Мен кечиккен экенмин го ээ?

- Ошондой.

- Мейли, жүр десем болбодуң, дагы жолугушабыз, - деп коштошо узап кетти, андан ары Кундуз ойлонуп баратып батирине жеткенин байкабай да калды. Ал ошол күнү ооналактап уктай албай чыкты, эртеси эрте жумушуна кетти, арадан бир ай өткөндө заматта ичи ооруп ооруканага барып боюнда бар экенин, козголуп түшүп калганын айтышты, ошентип ал бир баланын энеси да болду, түшүп калганына сүйүндү. Эптеп кайрадан жумушуна чыкты, арендаторго ал тактыгынан улам жагып калган, үч-төрт күндөн кийин өз ордуна иштей баштады. Дуулат эми үч-төрт күндө бир келип турат, ал келгенде Кундуз көздөрүн ала кашчу болду, анткени дагы "күйөөсүн", сурап ийеби деп коркчу болду. Дуулат дагы тим болуп калбай анын талуу жеринен кармап анын жашоосуна кызыккандай түрү бар.

- Күйөө баладан кабар барбы? - деди бир күнү.

- Ооба, сүйлөшүп турам.

- Качан келем дейт? - деди сынагандай жылмая.

- Азыр келбейт го?

- Сени кызга

нбай кантип жүрөт ыя?

- Иштеп жатса колу тийбейт.

- Ошентсе деле, же чакыртып албайбы?

- Сиздин кандай ишиңиз бар эми? - Кундуз жини келе карады, - Биздин жашообузга тиешеңиз жок эмеспи.

- Ачууланган сага жагат экен.

- Коюңуз, мындан ары келбей жүрүңүз.

- Койчу эми Кундуз, чынын айтсам сени аябай жакшы көрүп калдым, үйүмө барсам же базарда отурсам сенин алдагы бакыракай көздөрүң, сулуу жүзүң, капкара каштарың көз алдыман кетпей туруп алчу болду, - Дуулат сүйлөп жатып дагы андан көз албады.

- Күйөөсү бар аялды сүйүп калууга болобу?

- Айла жок, жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң да.

- Кызык экен.

- Сүйүп баш коштуңар беле Кундуз?

- Ооба.

- Күйөөңдү каттуу сүйөсүңбү?

- Ошондой го?

- Кундуз.

- Ийи.

- Күйөөңдү таштабайсыңбы?

- Эмнеге?

- Менимче экөөңөр жакшы эмессиңер го...

- Кантип? - Кундуз аны таңгала карады.

- Чынын айтсам күйөөң экөөңөр таарынышып кеткенсиңер го?

- Билгичтик жайыңыз барбы? - Кундуз жылмая карады, ага бул жигит чынында көптөн бери жагып калган эле.

- Байкадым да, эгерде жаңы үйлөнгөн жубайлар жыл айланбай эки бөлөк жашоо улантса демек алардын ортосунда салкын мамиле болгону анык, мен сени үч айдан бери көрүп жүрөм, ар дайым ойлуусуң, капалуу жүзүң мени санаага салчу болду, көздөрүңдөгү муңду алып сала албай жаным кыйналчу болду, - Дуулат Кундуздун маңдайына келип прилавкага эңиле калып колун кармады, - Ушул жайнаган көздөрүңдүн жаркылдай бакытка толуп турушун каалайм Кундуз.

- Сөздөрүңүз кооз, бирок кеч калдыңыз, күйөөсү бар аялды сүйүү сизге да оор болсо керек?

- Эгерде сен макул болсоң мен бактылуу болоор элем Кундуз.

- Билбейм, эмне кылаарымды өзүм дагы билбейм, - Кундуз колун тартып алып кардарга карады, - Келиңиз, эмне аласыз? - Дуулат айтаарымды айттым дегендей кардарлар көбөйүп кеткенде чыгып кетти, баары кетип ээн калганда эки жакты карап таппай калды. "Кетип калган экен, кызык адам, заматта пайда болот да кайра жоголуп кетет", - деп жылмайып алды, ошол күнү кечке маал келип ой боюна койбой ээрчитип алып кафеге алып барды, ошондон баштап экөө жакындан тааныш болуп бирге кино-театрларга барып, кафелерде болуп, ширин сөздөр айтылып бири-биринен алыстай албай турган абалга жетишти. Акыры бир күнү Дуулат аны өзүнүн батирине алып кетти, бирок ата-энесине алып барам деген сөз андан чыкпады. Негедир анын жүрүшү базарда соода кылгандай көрүнбөдү, Кундузга каалаганын алып берет, баардык шарты бар үйдө жашашат, тамак-ашты толтуруп алып келип коет. Кундуз өз жумушунда иштей берди, кээде эки-үч күндөп жоголуп кетет, андайда уйкусу качып түнү бою уктай албай калат. Ошондой күндөрдүн биринде Дуулат келип:

- Кундуз, берекем менин, мени кечирчи, жумушум ушундай, буйруса жакында өзүбүзчө үй алабыз, сага баарын алып берем, ата-энеңе барабыз, - деди көздөрүнөн өөп.

- Сен деле башка эркектер сыяктуу экенсиң, канча түндөрдү сени күтүп зарыгуу менен өткөрүп жатам.

- Мындан ары андай болбойт, ар дайым жаныңда болом.

- Ишенбейм, мурдагыдан дагы оор абалга туш болдум.

- Ишен жаным, сени ханышадай кылып багып алам, андан көрө жумушуңду таштап үйдө эле болбойсуңбу? - Эркелете өөп жыттап аймалап жатты, - Сенин кыйналганыңды көргүм келбейт, мына көрчү, мен канча акча алып келдим, - деп көтөргөн сумкасынан долларларды алып чыкты.

- Бул кайдагы акча?

- Эмгегим, өз эмгегим Кундуз, - Дуулат акчаларды кармалай Кундузду тике карай албай шыбырады.

- Кантип, ушул жоголгон үч күндө мындай акчаны ким берет?

- Жумуш жаным, менин жумушум ушундай.

- Түшүнбөй калдым, мага мындай акча менен байлык эмес сенин мага деген махабатың керек Дуулат.

- Жаным, мен сени кандай сүйөөрүмдү билбейсиң, күнү-түнү жаныңдан чыккым келбейт, бир аз иштерим бар, ошону бүтсөм эле сөзсүз жаныңда болом жаным.

- Ал кандай иш, сен тери кийимдерди сатам дебедиң беле, качан ошол ордуңду мага көрсөтөсүң?

- Шашпа, ашыкпаган араба менен коен уулаптыр дешет тура.

- Болуптур эми, деги канча убакытта бүтөсүң?

- Аз калды, мөөнөтүн билбейм, батирге бүгүн жарым жылга чейин төлөп койдум, тамак-аштан кемиген жоксуңбу?

- Жок, ата-энемди сагындым, барып келсек болот эле, - Кундуз ойлоно калып, - Өзүңдүн ата-энеңе качан алып барасың, ушинтип жашай беребизби, же менден жашырган сырың барбы? - деди ага суроолуу тигиле, чынында Кундуздун көздөрү жалжылдап кирпиктери төгүлүп турчу, көргөн жигиттер жалт карабай койчу эмес.

- Шашылба жаным, өз убактысы келет, кел эс алалы, - деп келинди спальныйга көтөрүп жөнөдү, - Акчаны катып кой, бир күнү келишкен үй алып көчүп кетебиз.

- Макул, ата-энең кайда Дуулат?

- Айылда Ыссык-Көл деген ажайып кооз жердин кулунумун, бир күнү алып барам, ал көлдө кайкып учкан карлыгачтар, түгөйүнөн айрылышпай канатын күүлөп катар учкан Ак-Куулар сени көрүп суктанышат, бизден да сулуу адам баласынан адеми жан болот экен дешип экөөбүздү карай турган болушат.

- Ашыкча мактап ийдиң.

- Жо-ок, чынын айтам, Кыргыз элинде эки сулуу болсо бири сенсиң, а бирөө болсо өзүң гана, - Экөө аппак шайы жууркандын ичинде эзилишип жатты, бир аздан кийин жууркан сыйрылып түшүп жерде калды. Экөө бири-бирин рахатка бөлөп көптө барып жатып калышты, жашоонун кызыгы эле ушул төшөк ичиндеги рахат алып келген махабатта болсо керек чиркин. Ошол күнү экөөнүн бирге болгон акыркы түнү экенин алар сезишкен жок, бакытка балкып турушту, бакыт деген адамдын дал колунда сыяктуу. Эч качан аны жоготуп алууну ойлобойт, кандай келип кандай кетип калганын сезбей да калышат. Ошону үчүн пенде болот тура. Эртең менен экөө көңүлдүү куунак бирге отуруп тамактанышып Кундузду ишине жеткирип коюп кучактап өөп анан кетти. Кундуз көңүлү ачык соода кылып жатты, бирок дал ошол күнү анын сол көзү тынбай тарта берди: "Жакшылык эле болсо экен, ата-энем, бир туугандарым аман болсо экен, атам ачуусунан тайдыбы же дале мени жек көрүп жүрөбү, кабарлашпай да калдым, кудайым ай", - деп ойлонуп алып кечке иштеп кечке маал дүкөндү өткөрүп берип батирине келди. Анын иштеп тапкан акчасы деле бир топ болуп калган бочлу, Дуулаттын тапканы менен жашап өзүнүкү сакталуу, анан калса кечээги эле алып келип каткан акча да бар эмеспи. Арадан бир жума өтүп кетти, бирок Дуулаттан дайын болбоду: "Ал мени алдап кеткен экен, эми келбейт, кантем деги, аны менен ата-энеме барам деп ойлободум беле, жүзүм жарык болот эле го, жарым жылдай болду келгениме, өзүм эле барсам балким кечирээр", - деп ойлонуп жатты, ыйлады жүрөгү ооруп, бирок Дуулаттан дайын болбоду. Күндөгүдөй эле соода жасап отурган, бир кезде жаңы чыккан гезит көтөрүп бир адам кирди, ар дайым өзү дагы гезит алып окуп турчу, үч-төрт гезитти сатып алып улам бирден окуп жаткан. Бир убакта көзү бир сүрөткө такалды: "Бурканов Дуулат Ибраимовичти кимдир бирөөлөр өлтүрүп кеткен, өздүк документти жанынан табылды, тааныгандар болсо кайрылышсын", - деп сүрөтү менен паспортунун көчүрмөсүн чыгарыптыр. Кундуздун көзүнүн жашы төгүлдү, бирок айтылган дарекке барууга даабады: "Ата-энеси келсе сен кимсиң дешет го, анда мен эмне деп айтам", - деген ойдо калды. Ошентип дагы бир ай өттү, ыйлап-сыктап жүрүп унутууга тырышты, акыры өзүнүн ата-энесине барууну туура көрдү да Дордойдон кийим кече, таттууларды жүктөп алып жөнөдү. Ал келгенде Селки машинанын үнүн угуп чыга калып кызын көрүп кубана кучак жайды.

- Каралдым кызым, акыры келдиңби садага?

- Келдим апаке, атам кандай жүрөт, кечире алдыбы мени? - Кундуздун оозуна келген сөзү ушул болду.

- Кечирбегенде кайда барат кызым, жүр-жүрө гой үйгө.

- Азыр апаке, жүктөрдү түшүрөйүн, - деп таксиден толгон сумкалар менен коробкаларды түшүрө баштаганда Сагынбек чыга калды.

- Селки, ким экен?

- Ата!

- Кундуз, сенби? - деген Сагынбек кайра бурулуп кирип кетти.

- Атасы, кызыңдын келгенине кубанбайсыңбы? - деп Селки күйпөлөктөп ийди.

- Апа, мен кайра эле такси менен кете берейинчи, силерди көрдүм, көңүлүм жайланды, - Кундуз ыйламсырай апасын карады.

- Кайда кетмек элең, кире бер үйгө, атаң эмне кылмак эле, эмгиче ачуусу келгидей сен эмне тууп кеттиң беле? - деп Селки айтканда Кундуздун жүрөгү зырп эте түштү: "Билинбей калганына шүгүр", - деп алды. Арга жок апасынын көңүлүн кыя албай үйгө кирди, ал киргенде Сагынбек чыгып кетти, бирок эки-үч күн туруп калганда бир аз жумшара түшкөн, дагы бир окуя болуп кетпегенде ордуна келип калат беле? Эрнис Кундуз кеткенден кийин үйлөнбөй шаарга кетип калган, анын окуяларын уккан Ажар дагы намыстанып окуйм деген шылтоо менен кетип иштеп калган. Эрнис Кундуздан бир аз күн мурун келип үйүндө жүргөн болчу, анын келгенин угуп атасына:

- Ата, менин Кундузга үйлөнөөрүмө каршы болсоңуз мындан кийин мени көрбөйсүз, - деди.

- Ал шаарга кетиптир, кайдан табат элең? - деди Шааркан.

- Үйүнө келиптир.

- Качан? - Шааркан уулун таңгала карап: "Булар кайрадан шаардан жолугуп сүйлөшүп жүргөн го, атайын үйлөнгөнү келишкен окшойт, эми Сапар эмне дээр экен, мунун пейли өзгөрбөсү маалым, кандай гана балээ болду деги, анан калса чунак кыз өтө эле сулуу экен, өңү менен уулумдун башын айлантып алган экен, же чын эле сүйүшүп калганы ырастыр, куу турмуш ай, деги бири-бирин жактырган жаштарга кедерги болуп келген тура атам замандан эле, сүйүүнү билбесем бир жөн эле, мен дагы эле Сагынбекти көп ойлойм, тагдырыбыз эки башка жолдордо өтүп жатат, ал дагы өз өмүрүн өтөп жатат", - деген ойго алдырып оор үшкүрүп алды.

- Эки-үч күн болуптур, макул десеңер ала качып келем, ал эми мен айтканга келбейт, силер чын дилден тосуп ала турган болсоңор алып келем, - деп Эрнис атасынан жооп күтүп калды.

- Болбойт, мен Сагынбек менен бетме-бет бир дасторкондо отура албайм, - деди Сапар.

- Жок дегенде баланы ойлонуп койсоң боло?

- Сен жөн отур! - Аялын зекий карады Сапар.

- Өзүң жаш болгон жок белең, сүйүп көргөн жок белең кургур, ушул жашыңда өткөн-кеткенди ойлонуп баланы капа кылбай эле койсоңчу? - деди Шааркан күйөөсүнө көзүн кыйгай жиберип, - Ошонуң үчүн картайганда кетип да көрдүм, балаңдын назарын сындырбай макул де.

- Көзүм көрбөсүн, кулагым укпасын, кайда алып кетсең кете бер, бирок бул үйгө кадам бастырба, мен өлгөндөн кийин келесиңер! - деп Сапар чыгып кетти. Эрнис анын артынан чыгып эч жакка кайрылбай короодон ары басып кетти, бирок Шааркан күйөөсүн көндүрмөк болуп чыкса ал отургучта отурган экен.

- Балдардын атасы деп кырк жылдап кайрып сөз айтпадым, мен сага келгени эң бактылуу болгон күнүм эне болгонум болду, болбосо сенден эбак кетмекмин Сапар, биздин дубалды уратпай кармап турган устун ушул гана балдарым.

- Сени бирөө кармадыбы, кете бербейт белең?

- Ушул сөздү сен айта турган, мен кете турган убакта болсок кана, сен экөөбүздүн жашыбызда кечиримдүү болуп, балдарга акыл-насаат айта турган кезибиз эмеспи, улуу кичүүгө үлгү болоор жаштабыз го, ойноо-курч кез өттү, таарынычты унутууң керек, кек сактагыдай Сагынбек сага кордук көрсөттүбү? - Шааркан үшкүрүп алды, - Кайра сен аны өлтүрүп кое жаздадың, колуктусун тартып алдың, сен эмес ал кек сактаса жарашат эле...

- Эмдигиче арманың күч го? - Сапар аялын ормое карап чокчо сакалын сылап койду.

- Эмне деп айтсам экен, жүрөк карыбайт дегендей эле өткөн күндөр жүрөгүңдүн түпкүрүндө кечээ гана болуп өткөндөй тура берет тура, эми сенден коркуп отурамбы, арман деген убагында күч болду, - Шааркан күйөөсүнө жүзүн бурду, - Ошондо сен деле толгон кыздан мени жактырып бирөөнүн кудалап койгон колуктусу экенимди билип туруп ала качып алдың эле, Сагынбектин абалы начар болуп келе албады, мен аны сездим, атасы менин эшик аттап, башыма жоолук салынып калганымдан улам намыс кылып унчукпай калды, сен ушуларды айтпасам дагы билесиң, бирок дале сенин кегиң калбады, жанбады Сапар! - деди да Шааркан туруп кетти. Сапар үндөбөдү, ал ушул аялына үйлөнгөнү колун тийгизген эмес, кээде кер-мур айтышып калганы болбосо унчукпайт, эми дагы үндөбөдү: "Ырас айтат, мен Шааркандан башканы көрдүм беле, катуу сүйгөн экенмин, өмүр бою жаман айтпай келе жатам го, Эрнис дагы мени тарткан экен, айтканынан кайтпады, кой Сагынбектин менде кеги болбосо менин анда эч кандай өчүм жок эмеспи, кол куушуруп алдына барып уулум үчүн кызына куда түшөйүн, кемпирим туура айтат", - деп ойлонуп ордунан шашыла туруп үйгө баш бакты:

- Байбиче, Эрнис кайда кетти?

- Кайдан билем, айткан жок.

- Мен ырайымдан кайттым, ойлонуп көрсөм мен эмес ал кектесе жарашчудай экен, туугандарды чакырып камыңды көр, Сагынбектин алдына өзүм барайын, - дегенде Шааркан күйөөсүн таңгала карап күлүп калды, анын жылмайышы дагы бир башкача ажарлуу аял эле.

- Ырас айтасыңбы, Сагынбектин үйүнө барасыңбы?

- Барам эле, барбаганда эмне.

- Макул, адегенде Эрнис келсин, өзүбүзчө сүйлөшүп алалы, андан кийин даярдык көрөлү, - деди токтоо. Алар антип сүйлөшүп жатканда Эрнис Кундузга жолукканы Сагынбектин үйүн айланчыктап жүргөн, аны көрүп калган Селки чыга калды:

- Апа, кечириңиз мени, Кундузга жолукмак элем, - Эрнис аны көрүп тартынбастан жанына келди.

- Сен кимсиң балам? - Селки бүшүркөй карады.

- Мен Кундуздун классташы болом, - деп калп айта калды, ал өз оюнда: "Сапардын баласымын десем жолуктурбайт, ортолорунда бир окуя бар болсо керек. Анын үстүнө үйүнө алып баргандагыны да уккандыр", - деп ойлогон эле.

- Ийи, азыр балам, ал кеткени жатты эле, - деп Селки үйүнө кирип Кундузга карады, - Кундуз, сага жолукканы классташың келиптир.

- Ким деген?

- Атын сурабадым, классташымын деди го?

- Азыр, - деп Кундуз чыгып дарбазасын ачканда Эрнисти көрө коюп кайра жаап алды, - Эмнеге келдиң, кетип калчы!

- Кундуз, бир ооз эле жооп берчи, оозмо-ооз сүйлөшөлү да...

- Жок, сени менен сүйлөшчү сөзүм жок.

- Кундуз, менин өзүңдү кандай сүйөөрүмдү билсең качпайт элең, сен мени кечире албайсыңбы?

- Эч качан?

- Мейли, мен сени күтө берем.

- Күтпө, ойлонбо дагы.

- Сен күйөөгө чыкканга чейин күтөм, - деди да артына бурулуп шаарга кетчү таксилер турган жакты көздөй жөнөдү. Ал ошол күнү үйүнө кайрылбай кетип калды, ошонун эртеси эле Кундуз кайра шаарга келди, жумушунан суранып кеткен, ал келсе ордуна башка кызды алып коюптур, кайра батирине келип ойго батып жатып калды. Көпкө чейин үйүндө болуп калды, анан бир күнү базарга тамак-аш алып келгени барып баягы чогуу жашаган Замирага жолугуп калды:

- Кандай Кундуз, кайда иштеп жатасың ыя?

- Азыр бошмун, жумуш таппай жатам.

- Анан кантип жашап жатасың, бир күн жумуш жок болсо жаман го? - деди Замира Кундуздун турушуна суктана, анткени анын кийгени кымбат баалуу спортивка менен тапочка болчу, ал үй кийими менен эле баса берген: "Бул бир шишкарды тапкан го, кийингени бул, балким иштин деле кереги жоктур", - деп ойлонуп ийди, - Кайда жашап жатасың?

- Батирде элемин, алты айга төлөп койгонбуз, ата-энем шарт түзүп берди, - деди калп айта, ал ансыз дагы сураарын билип сөзүн камдап турган.

- Жакшы тура биз баягы эле, күндө төлөмөй...

- Болот да бир күнү, мен дагы жумуш издейм го.

- Каерде батириң? - Кызыга сурады.

- Жакын эле жерде, жүрү барып отуруп кет.

- Макул, ансыз деле зеригип турдум эле, - деп кубангандай ээрчип жөнөдү.

- Калбү менен Айжан кандай жүрөт?

- Алар кеткен, мен азыр башка келиндер менен жашап жатам, - Алар тез эле төрт кабаттуу имаратка жете келишти, үчүнчү кабатка чыгып он алтынчы бөлмөнү ачып киргенде Замира таңгалганынан сүйлөөргө сөз таппай калды, бөлмөдө баары бар болчу, илгичте эркектин кийими илинип турганын көрүп: "Бирөө менен жашап жаткан го", - деген ой да башына келди, аны байкаган Кундуз:

- Иним келип турат, ал дагы биякта иштейт, - деди.

- Ии-ий, ой сенин жашооң шикарный турбайбы.

- Ооба.

- Айына канча төлөйсүңөр ыя?

- Үч миң сом, кааласаң душка кирип чык.

- Жарайт, ырас эле жуунуп алайынчы, - деп кубана чечине ваннага кирди, ал жактагы Дуулаттын ич кийимдерин, бут кийимдерин көрүп башкача ойлонуп калды, Кундуз арадан канча убакыт өтсө дагы аларды жыйнап койбогонуна ичинен өкүнүп алды. Кечке чейин экөө сүйлөшүп отурушту.

- Эгерде кааласаң мени менен жашай бер, - деди Кундуз ага.

- Чын элеби, анан квартплатаны кантем?

- Төлөбөй эле кой, алты айдыкы али төлөнүү.

- Рахмат сага, колумдан келсе жардам берип турам, ага чейин дурус жумуш табылып калаар, - Замира дароо эле макул болду. Эртеси эле ал кийим-кечесин көтөрүп келип алды. Бир айдай чогуу жашаган соң бир дагы эркек келбегенде Замира андан сурамак болду эле, ошол убакта эшик тыкылдап калды, ал Жамалбек болчу, дарегин таштап келгендиктен апасы тамак-аш, козунун эти менен май сүзмө берип ийген.

- Кел, атамдар кандай жатышыптыр? - деди Кундуз иниси менен учурашып.

- Жакшы жатышат, салам айтышты.

- Саламат болушсун, - деп этин, май сүзмөлөрүн муздаткычка салыштырды, - Атам кандай...

- Жакшы, жакында үйлөнөйүн деп жатам эже, - Жамалбек күлө карады.

- Жакшы, кимге?

- Ошол эле айылдан, Маамыттын кызына.

- Ал кандай кыз, өзүңө жагабы?

- Ооба, сиз барасызбы?

- Кантип барбай коем, барам да, кайра качан кетесиң?

- Эртең сиз экөөбүз кийит-кече алабыз го, апам сизди кандай кийитти өзү билет деди, акчаны ала келдим.

- Ма-акул, отуруп тамак ичип эс ал, - Кундуз инисинин алдына тамак койду, - Атам сенин каалаган кызыңа каршы болбодубу?

- Жок, атам макул болду.

- Демек жакшы болуптур, - деп ойлонуп калды Кундуз, ал күнү өздөрүнчө жатып эс алышты, Замира өзүнүн терс ойлогонуна уялды, эртеси Кундуз өзүнүн акчасынан алып иниси экөө базар кыдырышып, келинге куда-кудагыйларга баарына кийит-кече алды, - Анан таттуу-тарапаны, өрүк мейизди Кундуз коробкалап алып таксиге салып ийди, белгиленген күнү өзү барып калмай болуп кала берди, ошол күнү Замира аны кафеге чакырды.

- Кундуз, менин бир таанышым кафеге чакырып жатат, сен чогуу барып келчи.

- Жок бара албайм, сени чакырып жатса менин барганым уят.

- Койчу Кундуз, мен жалгыз барбасымды айттым.

- Ошондо деле уят го?

- Уят эмес, мени жалгыз коесуңбу? - Замира таарынган болду.

- Болуптур эми, барса барайын, - деп курбусунун сөзүн кыя албай экөө жөнөп калышты, адегенде салонго кирип чачтарын жасатышты, анан Кундуз кийинип жатканда Замира:

- Ай-ий, сенин жаныңда мен жөн эле "бомждай" болуп калат экенмин да, сенин сулуугуңа жарашып, көркүңө чыгарган кийимиң бар экен, - деп күзгүдөн өзүн көрүп кызаңдап туруп калды.

- Замира, эгерде кааласаң менин бул көйнөгүмдү кийип барып кел, жийиркенбесең эле, - деп Дуулат өзү тандап алып берген костюм юбканы көрсөттү эле кабагы жарк эте ачылып ала коюп шашыла кийинип кубанып кетти.

- Рахмат Кундуз, сенин мындай кымбат кийимдериңди кийип чыкканыңды көргөндөр бир шишкардын кызы дешет го ыя, жарашат бекен? - Күзгүдөн өзүн карап ар жак, бер жагын карынп жатты.

- Сонун, кааласаң биротоло ала бер.

- Чын элеби?

- Ооба, өзүмө жакпайт.

- Болду анда, кие берейин, качан төлөйм анан? - Шыңк этип күлүп койду Замира.

- Ой төлөбөй эле кой, сага буйрусун.

- Рахмат сага Кундузка, - деп аны эки бетинен өөп алды, - Кана эмесе кеттик, күтүп калды го?

- Кеттик, - Экөө ээрчише чыгып аялдаманы көздөй баратканда, - Алыска барабызбы? - деди.

- Ооба, Аламидинге.

- Ай-ий, ошончо алыспы, эртерээк чыгуу керек, азыр такси менен бара калалы.

- Ой акча кайда таксиге?

- Мен төлөйм.

- Макул, - деп ойлонуп калды. Экөө таксиге отуруп баратканда Кундузду маңдайдагы күзгүсүнөн таксист улам карап коюп баратты, бир кезде:

- Кыздар жигитиңерге баратасыңарбы? - деди күлө карап.

- Жок, - деди Кундуз мостое, - Ошондой сезилип турабы?

- Ооба, ашыкканыңарга караганда...

- Болсо эмне экен? - деп койду Замира.

- Таанышып алалы, менин атым Залкар.

- Менин атым Замира, курбумдуку Кундуз.

- Жакшы, курбуңуз чынында Кундуз деген атына заты жарашкан сулуу кыз экен.

- Рахмат, мактооңузга, - деп койду Кундуз.

- Ырас айтам, Кундуз деген баалуу жандык, ал эми Кундуз кыз адамзаатынан баалуусу экен.

- Ашыкча мактап ийдиңиз.

- Туура айтасыз, - деди Замира, - Курбум ушундай сулуу, Сизге рахмат, биз келип калдык, ушул жерге токтотуп коюңуз.

- Бат эле келип калдыкпы? - Залкар нааразы болгондой четке токтоду, - Эми качан чыгасыңар кыздар?

- Кудай билет? - деп Кундуз жактыра бербей жооп кылып түшүп ары көздөй басты.

- Рахмат сизге, - деп Замира ага күлүп коюп Кундуздун артынан бара жатып: "Чын эле сулуу да, балким эркектин баары карагандай Жумабек дагы буга карап кетсечи", - деген күдүк ойго жетелене ага жете келди. Ал ойлогондой Жумабек жалгыз эмес болчу, Замира курбум менен келем дегенге ал дагы бир жолдош баласын ээрчитип алган. Жолугушуп таанышкан соң төртөө болуп кафеге кирип орун алышты, Гүлжигит Кундуздан көзүн албай улам карап отуруп:

- Кундуз, кайдан болосуң? - деди.

- Чоң - Арыктан.

- Аа, Чүйлүк экенсиң да.

- Ооба, эмне жаманбы? - Кундуз аны текеберлене көзүн сүзө карады.

- Жо-жок, андай деле эмес, - Гүлжигит тайсалдай көзүн ала качты, - Ата-энең барбы?

- Бар, анчалык эмнеге тескеп калдыңыз?

- Жагып калдың, мурда мындай сулуулукту китептен окучу элем.

- Ыраспы? - Атайын эле мазактагандай күлдү, - Жакпай каламбы деп турдум эле демек жактың деңизчи?

- Албетте, чынын айтсам абдан сулуу экенсиң, сүрдөтүп койдуң, а-а канча бир туугансыңар?

- Төрт, үч эркек бир кыз.

- Эрке кыз экенсиң да?

- Ошондой.

- Оо, эрке сулуу кызга кол сунсак кабыл алаар бекен?

- Бир көргөндө сунган кол сумсайбас бекен?

- Сумсайтсаң да, кубантсаң да эрк өзүңдө.

- Анда колуңузду ала албайм.

- Кечириңиз дегенден башка аргам жок.

- Ой, силер жөн эле ашыктык романын айтып кирдиңер да, кана мындан алып отурбайлыбы? - деди Жумабпек аларга кайрыла.

- Жаныңда жаңы ачылган кызыл гүл турса кимдер гана үзүп жыттагысы келбейт, - Гүлжигит Жумабекке көзүн кыса жылмайды, - Эмесе сулуулар үчүн алдык.

- Мына-мына, эми өзүңө келдиң, - Үчөө алып ийип Кундуз оозуна тийгизип коюп койду.

- Кундуз, алып кой эми, мындай күнү шагын сындырган жигиттерге жакпайт, силер үчүн отурабыз, - деди Жумабек дагы сугалактана.

- Жок, мен ала албайм.

- Койчу эми Кундуз, жок дегенде ооз тийип кой, - Замира ага таарынгандай карады.

- Замира, мени кечирим кой, иче албайм.

- Көңүл үчүн дагыбы? - Гүлжигит жылмая карады.

- Ооба, мен алып көргөн эмесмин.

- Макул эми, албаса айла жок, - деп үчөө алып жатышып Замира кызып калды, Гүлжигиттин өздүк унаасы менен жеткирип коюп анан кетишти, Замира үйгө киргенден кийин:

- Ку-унду-уз, сени бир кө-өргөн ж-жигиттердин б-баары сүйүп калыш-шат, а м-меничи б-бирөө дагы сүйбөйт да? - деди боюн токтото албай ыргалып.

- Замира, жатып эс алчы, - деп аны Кундуз ордуна жаткырды, ал дагы булдуруктап жатып зорго уктады, Кундуз ойлонуп калды: "Канчалык курбу катары чын пейлиң менен мамиле кылсаң дагы көрө албайт тура, эгерде менин катылган акчамды билип калса алып качкандан кайра тартпайт го", тунжурап ойлуу жатып уктап кетти. Таң атканда кылдыраган үндөн ойгонуп кетти, Замира туруп идиш аякты кылдыратып суу ичип жүрүптүр.

- Ай баш-шым, - деп бөлмөгө кирди, - Башым ооруп, оозум кургап калыптыр, көп ичип коюптурмун, - деп келип жатып калды.

- Замира, мен эртең айылга кетем, сен башка жакка барасың го ээ? - деди Кундуз ага.

- Эмнеге, тура бербейинби?

- Болбойт Замира, мен көпкө туруп калышым мүмкүн.

- Эч нерсеңе тийбейм, баарын ордунда кармайм, тура берейин...

- Жок, мен келбей айылда калышым дагы мүмкүн.

- Эмнеге?

- Убактысы бүткөнчө жүрөм го?

- Кулпуланып тура бергенде эмне, жакшы курбулардан болуп калдык, буюмдарыңды жакшылап тазалап, жууп турам.

- Жок болбойт, балким батир ээсине барып калган акчамды кайрып алуум да мүмкүн.

- Мейли, - Замира аргасыз өйдө болду, - Айла канча, бүгүн батир издеп таап алайын, - деп кийине баштады, Кундуз үндөбөдү, ал чыгып кеткенден кийин гана туруп үйүн ирээттеп алып Замирада бир ачкыч барын эстеди да базардан замок алып келип салдырып коюп кечке күтүп жатты. Кечке маал Замира келип дароо эле кийим-кечесин алды, ал чыгып баратканда:

- Мени кечир, шарт ушундай болуп калды, - деди Кундуз.

- Эчтеке эмес, сенде эмне күнөө, өзүмдө болуп калды окшойт, ичип алып бирдеме десем сен мени кечир, - деди да тутканы кармап ачып жатып замоктун жаңырганын байкады, - Кайда болсоң аман бол!

- Сен да аман бол, - Эки курбу ошентип коштошушту, Кундуз ал кеткен соң акчаны алып керектүүсүн алды да калганын пол астындагы салат койгон тешикке салып кайра үстүн билгизбей жаап килемди төшөп диванды жылдырып койду. Айылга кетээрине эки күн калган, базарга барып керектүүлөрүн алып келмек болуп кетип жатып көңүлү айнып кускусу келип окшуп жиберди: "Мага эмне болду, ооруп калдымбы", - деп саамга туруп эми басмак болгондо ичи бүлк этип алды, жүрөгү шуу этип алды: "Боюмда барбы, Дуулаттын өлгөнүнө үч айдан ашты, анда ичимдегиге дагы үч ай", - деп ойлоп коркуп кетти, анан базарга барбай эле аял врачына көрүнмөк болуп жөнөдү. Анын үч жарым айлык боюнда бар экен, алдырганга дагы кеч болуп калган эле. Кыжаалат болуп үйүнө келсе жашаган жеринде подъездге кире берээр жерде машина туруптур, карабай эле кирип кетээрде:

- Оо сулуу кандайсың? - деп Гүлжигит алдын тосуп калды.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Баары жайында, бир аз сейилдесек кандай дейсиң сулуу кыз?

- Көңүлүм жок, капа болбогула, - Өтүп кетмек болгондо анын алдын торой басты.

- Сунушумду четке какпачы Кундуз.

- Мен силерге айттым го, ооруп турам, көңүлүм жок.

- Ооруканага алып барайынбы?

- Жөн болуңузчу, сизден жардам сураганым жок.

- Кундуз, жок дегенде чайлашалы, жүрчү эми, жаш баладай какпай, - Жалдырай карады Гүлжигит.

- Жок, башка күнү, азыр үйгө кирип жатуум керек, - Болбой эле түртө кирип кетти, Гүлжигит анын артынан ызалуу карап туруп: "Текеберлигин көр, шашпа сени колума түшөөрсүң, үркөрдүк кызы үлпүлдөк сулуу болсоң дагы баш ийдиремин", - деп машинасына отуруп кетип калды. Кундуз бөлмөсүнө киргенден кийин жатып алып ыйлап жатты: "Эми эмне кылам, ата-энемдин көзүнө кантип көрүнөм, боюмда бар экенин билсе атам менден биротоло кечип коет", - деп ойлонуп жатып өлгүсү да келди, бирок жан таттуу экенин сезди. Эчен ирээт уксуз ичмек болуп иче албады, жан дүйнөсү жабыркап күзгү суукта үшүгөн жалбырактай дирилдеп көзүнүн жашы көл болду: "Дуулат, сен мени кандай күнгө калтырдың эле, жок дегенде ата-энеңдин алдына алып барып жүзүмдү жарык кылып койсоң сенден калган бул белекти асырап алганыма болот эле го, эми эмне кылам", - күн кеч кирип айланага караңгы кирип калса дагы жарыкты күйгүзбөй жата берди. Ал түнү ошентип өткөрдү, айылга баруусу керек эле, "Эртең келин киргизишет, барсам апам байкап калат го, эмне деп жооп берем, атасы ким десечи, деги багым ушунча тайкы беле, өң бергенче бак берсе болмок экен", - деп мелтиреп шыпты тиктеп канча жатканын ким билсин, түшкө жакын эшиги тыкылдап калды: "Ким болуп кетти", - деп ордунан араң туруп келип ача койсо Гүлжигит туруптур:

- Си-из, бул жерде эмне кылып жүрөсүз? - деп кайра жаба коймок болду эле ал каалганы түртүп калды.

- Кандай сулуу?

- Жакшы, эмнеге келдиңер?

- Көргүм келди Кундуз.

- Тажадым ушундай сөздөн.

- Эмне, мындайды көп уктуң беле?

- Ооруп жатам дегенди угасыңарбы деги? - Жини келе карады, - Барыңызчы деги.

- Капа болбочу Кундуз, бир аз сүйлөшөлү.

- Сыртта тура туруңуз, мен азыр чыгам, - деп эшикти жапмак болгондо ал:

- Мен ушундай туруп турам, тартипсиздерден эмесмин, - деп эшикти жаптырбай койду. Кундуз ага болгонун айтып көңүлүн сууткусу келип кийинип сыртка чыкты, - Кайда баралы Кундуз?

- Өзүңүз каалаган жакка.

- Мындай оройлук сага жарашпайт сулуу кыз, - Гүлжигит аны көз кыйыгы менен карап унаасын ордунан жылдырды, ал аны бир чоң кафеге алып келди.

- Бул жерден сүйлөшө албайбыз, - деди сумсайган Кундуз.

- Эмнеге, сүйлөшүп жай отурганга болот.

- Менин сизге айтаарым бар.

- Уга берем.

- Болуптур, - Кундуз унаадан түшүп кафени көздөй кирди, алар отураары менен тамак заказ алып кетти официантка.

- Сүйлө, кулак сенде, - деп Гүлжигит үстөлгө өмөктөй ага көзүн кадап күтүп калды.

- Мен силер ойлогондой кыз эмесмин.

- Боло берет, мен дагы аял алып кетиргемин, - Жылмайып койду Гүлжигит.

- Менин сүйлөшкөн жигитим үч ай мурун киши колдуу болуп өлдү, боюмда бар, мындан ары тынчымды албай жүргүлө, ушуну айтуум керек болчу, эми мага түшүнгөндүрсүңөр?

- Ошондой дечи? - Гүлжигит ээк-башын сыйпалап көпкө дендароо болуп отуруп калды.

- Ооба ошондой, эми мен бошмунбу? - Кундуз өйдө болду.

- Жо-жок, эч кайда кетпейсиң, - Гүлжигит аны карыдан ала кайра отургузду, - Отур, тамактаналы.

- Табитим жок, мени кыйнабаңыз.

- Отура тур эми, - дегенде Кундуз аргасыз кайра көчүк басты, Гүлжигит аны ойлуу карап турганда тамак алып келип коюп кетти, - Кел тамактан ал.

- Айттым го, менин табитим жок деп.

- Мейли эми, ооз тий жок дегенде, мага шерик бол.

- Жарайт, отура турайын, - Гүлжигит деле жарытып иче албады, бир аз шам-шум эткен соң төлөп коюп кафеден чыгышты, - Мен өзүм кетем, убара болбогула, мындан ары тынчымды албай турган болоорсуз? - деди тикирээ карап.

- Эмнеге, өзүң сүйгөн аял албарсты болсо дагы баары бир эмеспи?

- Тамашаңарды койгула, мен кетейин, - деп басып кетмек болгондо кармап калды.

- Өзүм жеткирем, унаага отур.

- Убара болбо дедим го?

- Анын убарасы жок, мен андан ары кетем, - деп болбой отургузуп алып айдап жөнөдү, - Канча айлык? - Жолду карап баратып сурады.

- Үч жарым...

- Демек чоңоюп калган экен.

- Ооба.

- Эмесе кеттик.

- Кайда? - Гүлжигит аны көздөрүн бардай карады.

- Менин үйүмө, мен сага үйлөнөм.

- Тамаша кылбагыла, же мазактап турасыңарбы? - Ызалуу карап ыйлап ийгени турду.

- Чын сөзүм, менимче жигитиң деле бетиңди ачпаса керек, мен сенин балаңды өз балам деп айтам, ата-энеңе эртең алып барам.

- Эмне деп жатасыңар, акылыңар жайындабы деги?

- Акыл-эсим ордунда, болгону сүйүүм ошону каалап жатат, мен сени катуу сүйүп калдым, артка жол жок! - деп чоң жолдо зуулдата айдап жөнөдү.

- Эгерде азыр токтотпосоң эшикти ачып секирем.

- Анте албайсың, - Гүлжигит аны карыдан бир колу менен кармап, бир колу менен рулду башкарып кетип жатты.

- Мени кыйнап жатасыз.

- Кыйнаганым жок, сүйүп калдым.

- Калп!

- Чын сырым, сени көргөндөн бери уйкум жок, апама бүгүн алып келем деп койгомун, алар күтүп жатат.

- Кереги жок, кое бер мени суранам, - Кундуз ыйлап ийди.

- Кундуз, мен сени азыр кое бербейм, өзүңдү-өзүң кыйнай бербечи, сен менин өмүрлүк жарым болчу, качан болсун сени алып кетмекмин, өткөндү ойлоно бербе, сен мага жар болуп бер, болду, - Алар алышып кете беришти, ушул кезде Кундуз унаадан секирүүгө даяр турду, чымын куюн боло өтүп жаткан унаалардан өтүп айылдардын бирине бурулду.

- Сен эч качан мени жар кыла албайсың, - деди Кундуз аны жаштуу көзү менен карап, - Эч качан, баары бир менин бетиме көөнү жаап күнөөлөйсүң, ал азаптан көрө мени сүйсөң кое бер Гүлжигит, суранам мени түшүрүп ташта.

- Жо-ок, мен сенсиз жашай албасымды билем, бир көз карашта сүйдүм, сен мага өмүрлүк жар болосуң.

- Мени сүйгөнүң менен балама ата боло албайсың.

- Болом, ишен Кундуз, мына келип калдык, көз жашыңды аарчып өзүңө кел, бизди эл күтүп жатат, - деп жолдун четине токтотуп коланын идишиндеги сууну сунду, - Жуунуп түздөнүп алчы, мен аларга сүйлөшүп жүргөмүн деп койгомун, ыйлаганыңды көрсө эмне дешет? - деп сооротуп жүз аарчы сунду.

- Сен мени жарга такадың, ушунуң кантип болсун, бир көргөн аялдын артынан түшүп алганың, аял аттуу толуп жатпайбы?

- Сен менин көзүмө көрүнгөн бир гана аялсың, дүйнөдө сен гана барсың мен үчүн.

- Сен акмак экенсиң, өжөрлүктүн эмне кереги бар?

- Өжөр да, акмак да эмесмин, болгону сүйүүнүн кулумун.

- Калп айтпа, сүйгөн мындай болбойт.

- Болду эми, мени кечир, болоор иш болду, апамдын жалгыз баласымын, өз билгенимди жасап көнгөмүн, туугандар бар үйдө, көз жашыңды көрсөтпө, - деп кайра айдап жөнөдү. Заматта чоң короолуу үйдүн дарбазасына келип сигнал бере токтотту эле беш алты аял-эркек чыга келишти. Кундузду унаанын эшигин ача эки-үч аял колтуктап жөнөп алдынан чыккан аял алдына чачыла чачып:

- Айланайын, ак жолтой ак жүздүү бол, алганың менен тең карып, тең ары, келген жериңе ыйман ырыскы алып кел! - деп бетинен өөп үйгө киргизишти, дал ушул учурда Кундуз Эрнис ээрчитип барган күндү эстеп көзүнө жаш тегеренди: "Аттиң, жаштык-мастык кылыпмын, ак никелеп алган жарга туш келбей минтип ичиме бирөөнүн баласын көтөрүп келдим, мурда кайда жүрдү эле деги бул, тагдырымдын мага деген дагы кандай белеги турду экен алдымда, ушул үйдөн бак табамбы же шор табамбы", - деп жүрөгү сезгендей аялдардын коштоосунда көшөгөгө кирип калың төшөлгөн орунга отурду, анын көз жашын көрүп: "Бечара, чырайы келишкен кыз экен, ыйлап барбаган кыз болобу күйөөгө", - деп ойлоп жатышты. Орунбү эне жоолук салып бетинен өптү. Жанында жүргөн аялдар дагы өздөрүнчө жоолук салып ар кайсыны сүйлөп отурушту. Бир кезде Кундуздун ата-энесинин дарегин сурашып түндөп эле ачуу басарын жеткирмек болушту, Күн-Туудан Чоң-Арыкка алып кетишти. Эки күндөн соң эки агасы аялы менен, иниси Жамалбек кууп келип калышты, аларды сыйлап жөнөтүп Кундуз аргасыз отуруп калды, кирип чыкканда тартынып ичи билинип калгандан коркуп жүргөндө Гүлжигит:

- Сен эч нерседен корунба, бала өзүмдүкү деп айтып койгомун, - деп көңүлүн тынчытмак болду.

- Ошондо дагы уялып жатам, сага деле кыйын болсо керек, башка бирөөнүн баласын меники деп айтуу.

- Кам санаба, мен өз атасындай болом жаным, болгону сен мага өз жүрөгүңдү ачсаң болду, мен сүйгөндөй мени сүй, ошол жетет, - деди кучактап отуруп, күндө кызуу келгени ирээнжитип жүрдү Кундузду. Көп өтпөй ичи билинип калды, кайненесинен кысынып калганын байкаган ал:

- Балам, кысынбай эле кой, аял киши кош бойлуу кезде өзүн эркин алып жүрүү керек, балага жакшы, - деди.

- Уялам апа.

- Эмнесине уяласың балам, жалгызымдын бала-бакыралуу болуп, өнүп-өскөнү мага дагы жакшы, сен мага ден-соолугу таза небере төрөп бер айланайын, - деп жылмая ары басты Орунбү: "Жаш эмеспи, тартынса тартынып жаткандыр", - деген ойго келген эле.

- Кундуз, - деп ары жактан Гүлжигит анын жанына басып келди.

- Сен келип калдыңбы? - Кундуз ага алая карады.

- Ооба, ташта ишиңди, экөөбүз азыр бир конокко барабыз, тур кийин.

- Бүтүрүп коюшум керек эле..

- Эчтеке болбойт, калганын апам өзү кылып алат.

- Ушунуң кантип болсун, өзүм эле бүтө коеюн.

- Кой, кечигип калабыз, балдар күтүп калат, шаардагы бир ресторанда досумдун үйлөнүү тою болот, - деп Гүлжигит аны колдон ала үйгө карай жетеледи.

- Менсиз эле бара берчи, баргым келбей жатат.

- Барасың, аялым жок болсо жалгыз бармакмын, сен турганда эмнеге өзүм бармак элем? - деп ой-боюна койбой кийинтип, өзү жактырган кийимдерин кийгизип алып жөнөдү. Кундуздун келгени деле көңүлү ачыла элек, муздай болуп мисирейгени мисирейген.

- Гүлжигит, менин эчтекеге көңүлүм жок, барбай эле коеюнчу, - Кундуз күйөөсүн жалжылдай карады, - Өзүң эле барып келчи бай болгур.

- Жо-ок жаным, мен сенсиз эч жакка барбайм.

- Эмнеге мени кыйнай бересиң?

- Кыйнаган жокмун, аялым болгондон кийин сенин көңүлүңдү көтөрөйүн деп жатпайынбы, - деди Гүлжигит ага жылмая карап:

- Ошондо эле көтөрүлүп кетмек беле?

- Анан кандай кылуум керек Кундуз, сени байкап жүрөм, же эмне жигитиң оюңдан чыкпай жатабы? - деп Гүлжигит ага кыжырлуу карады.

- Андай эмес, кош бойлуу аял ошондой болсо керек, анын үстүнө врачка дагы көрүнө элекмин, - деп күңкүлдөй колдорун ушаланып жер карады Кундуз, ушул учурда анын кирпиктери төгүлүп жаш менен кошо бир башкача сулуулук аны көрккө бөлөп турган, Гүлжигит аны көрүп ичи элжиреп кетти, бирок анын ички туюмунда кызганып да турду: "Бул эмнеге эле мисирээт, же ошол жигити менден артык бекен, же мени жактырбайт го, ичиндеги баласына карабай алсам да мени тоготпогонун кара", - деп өзүнчө кекенип алды.

- Кундуз, мынчалык эле муз болбосоң, мен сени чын дилим менен сүйүп, жүрөгүм менен каалап баш коштум, ырас мени эч ким зордогон жок, өз каалоом менен үйлөндүм, баарына кайыл болдум, балаңа ата болоюн дедим, ал үчүн кечирим сурайм", - деди акырын карап, - Күлө карап жаркылдап жүрсөң болбойбу?

- Гүлжигит, менин болгон мүнөзүм ушундай.

- Ошондо деле менин сүйүүмө бир жооп берүүң керек эле го?

- Жөн эле күлө бермек белем? - Өзүн зордоп жылмая карады, ушул азыр өзү да ойлосо ата-энеси менен элге уят болуп Эрнистин үйүнө барып кайткандан бери чын дили менен күлгөн эмес экен, болгону Дуулат экөө жашап жүргөндө бактылуу болгонун көз алдына элестетип дагы жылмайып алды, анын жылмайышы чынында керемет эле, кадимки булуттан чыккан айга окшоп жарк этип койсо бүт дүйнөнү жарыктык каптагандай болот.

- Мына-мына, мен сенин жылмайып күлүп жүрүшүңдү каалайм, - Гүлжигит бир колу менен анын колунан кармап өзүнө тартып колун өөп алды, - Сен мени арбап алдың Кундуз.

- Кой эми жолду кара, - деп томсоро түштү, Гүлжигиттин куниктиги, мурду кайкыйып, оозу чоң, көздөрүнүн жүлжүйгөнү аны ирээнжитип ийди: "Дуулат, сен өлбөгөндө мен ушуга туш болот белем, эмнеге аз жашадың, эркектен башкача сулуу элең", - деп ойлоп оор дем ала улутунуп алды.

- Азыр менин досторум менен таанышасың, алар ушундай бай турушат, аялдары чоектогон немелер, бирок сени көрүп таң калышат го, адашып асмандан түшүп калган жылдызды колума кондуруп алганымды көрүшсүн, - деп койду жолдон көзүн албай кетип бара жатып, алар шаардагы белгилүү ресторандардын бирине келип киришти, эл көп экен, Гүлжигиттин досу Азат жаңыдан эле бир өкмөттүк кызматка туруп калган. Жогорку билимдүү жигит, ал үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан эле, Гүлжигит ресторанга Кундузду колтуктай кирип бара жатканда:

- Досуңа курулай эле келе бердик го, ушул кантип болсун? - деди Кундуз аны токтото.

- Кам санаба, күйөөңдү айбан деп ойлойсуңбу, жанымда он беш миң сом бар, ошону кошумчага берем.

- Аа-а, - деп коюп кирип келишти, Кундуз мындай үлпөт тойго катышып көрө элек болчу, ар бир үстөлгө бөлүп отургузган экен, Гүлжигиттер достору тараптан орун алышты. Бака-шака музыка жаңырып той башкаруучу өз кызматын так аткарууга далалаттана какылдап сүйлөп жатты, кезек менен куттуктоолор жаңырып жатты.

Өздөрүнчө үстөлдө отургандар бакылдаша ар түрдүү тамактан алып коюп, тейлөөчүлөр улам келип: "Жакшы отурасыздарбы", - деп кылт этмеден куюп кетип жатты.

- Гүлжигит, аяш менен тааныштырбайсыңбы? - деди Урмат деген бала акырын нукуй.

- Аа-а, таанышып койгула, бул менин келинчегим, аты Кундуз, - деди Гүлжигит, - Ар бириңе айтып отурбайын, баарыңар таанып алгыла, - деп тамашалай күлдү, Кундуз жылмая башын ийип койду, чынында дос-жоролорунун арасында эң эле куниги Гүлжигит экен. Өзүнчө кысынып отурганда "антракт", жарыяланып калды, Кундуз сыртка чыгып келмек болуп баратканда аны артынан бирөө жөөлөп өткөндөй болду бурула берсе Эрнис турат.

- Кандай Кундуз?

- Сен кайдан?

- Мен Азиздин тагасы болом, ата-энем дагы бар.

- Аа-а, - деп басып кетмек болду эле Эрнис кошо басты.

- Кандай анан, ден-соолуктар дуруспу?

- Кудайга шүгүр.

- Күйөөгө чыгыпсың, куттуктайм.

- Рахмат, - Кундуз ажаткананы көздөй басмак болсо дагы ээрчий басты эле ал ага, - Эрнис, сен бар эми, күйөөм көрсө эмне дейт, мен тигил жакка барам, - деди.

- Көрсө эмне экен, айылдашым деп кой.

- Ошол кантип болсун.

- Эчтеке болбойт, менден качып тийген күйөөңдү көрдүм.

- Эрнис, барчы кудай жалгагыр, кандай болсо да күйөөм да.

- Мен сени эч кимге бербейм дедим эле, насип буйрубады, эмнеге менден качтың? - деп алдына өтүп эки карысынан ала өзүнө каратты, - Мен атамды көндүрүп алган соң издеп таппай калдым.

- Койчу Эрнис, өткөндү эстетпечи, баары сенин гана күнөөң!

- Андай эмес, биздин аталарыбыз күнөөлүү экен, - деди Эрнис аны кое бербей, Кундуз андан бошонууга аракеттенип жатканда Гүлжигит келип калды, ал кызуу болчу.

- Ээ-эй жигит, сен кимсиң?

- Менби? - Эрнис Кундузду кое берип аны карады, - Мен Кундуздун айылдашы болом күйөө бала, - Кытмырлана жылмайды.

- Жакшы, эмесе колуктума уруксат берээрсиң?

- Албетте, - Эрнис Кундузга көз кыса карады, - Болуптур анда карындаш, бактылуу болгула.

- Рахмат, - деген Кундуз жер карай Гүлжигиттин колтуктаганына көнүп ары басты, - Мен ажатканага баруум керек болчу, сен тура тур.

- Макул, - деп Гүлжигит унчукпай кала берди, аларды Эрнис чылымын түтөтө тигиндейрээкте карап турган, негедир ичинен кыжаалат болуп аны көздөй басып барды, - Кундуз менен бир айылдан болосуңбу?

- Ооба, күмөнүң барбы?

- Жок-жок, жакшы экен, жакын турасыңарбы?

- Бир көчөдө...

- Атың ким тууган?

- Эрнис.

- Меники Гүлжигит.

- Эң сонун, атыңа затың жарашкан жигит экенсиң.

- Рахмат, башкача болууга тийиш эмес.

- Бактылуу экенсиң, - деди Эрнис ага кыжыры келгендей кекете, - Биздин айылдан кээде гана жаралчу сулуу кызыбызга күйөө болуп калдың.

- Эмне, ич күйдүлүк барбы?

- Болушу мүмкүн, жакын турган бизге буйрубай сизге насип болду, - Керкээ ага карап түтүнүн бурулдатты.

- Ал пешенеден го?

- Ооба, насип кылбаган ашка ооз тийбеген сыяктуу.

- Өз бактыңардан көргүлө, - Гүлжигит дагы аны мазактай үн катты, - Менин бактым бар экен, Кундузга жолуктум.

- Сен аны сүйүп баш коштуңбу?

- Албетте, сүйүү болбосо эки жаш бирге болобу?

- Чыныңды айтчы?! - Эми Эрнис чыдай албай Гүлжигитти жакадан алды, - Ал дагы сени сүйөбү?

- Эй тууган кое бер мени, - деп колун бошотмок болуп жатканда Кундуз келип калды.

- Эмне болуп кетти, эл эмне дейт, кое бер Эрнис!

- Аа-а, сүйөөрүң чын экен, бирок сулуулар ушундай калксыңар да, ким болсун сүйдүрүп аласыңар, - деп Эрнис кое берди.

- Уят эмеспи, ушундай жерде уруш чыгаргың келеби? - деди да Кундуз Гүлжигитти колтуктап басып кетти, Эрнис унчукпай кала берди, кирип баратканда:

- Кундуз, бул неме сенин даамыңды таткандардын бириби же балаңдын атасыбы? - деди Гүлжигит.

- Гүлжигит, көрүнгөнгө ишенесиңби же магабы?

- Болуптур, - деп Гүлжигит унчукпай ордуна келип отураары менен.

- Эмесе Азаттын достору бул жакка келүүңүздөрдү өтүнөбүз, - деп тойду алып баруучу жарыя кылганда баары жөнөштү, Кундуз Гүлжигит менен чогуу чыгып туруп калды, - Эмесе туугандар, Азаттын досторунун бирине сөз берилет, - деп микрофонду четте турган Гүлжигитке сунду, - Сүйлөп да ырдап да бересиз.

- Макул, мен досум Азат менен Жайнагүлдүн тою куттуу болсун деп айтуу менен бирге бактылуу болушун каалайм жана үй-бүлөөмдүн атынан он беш миң сом! - дегенде кол чаап калышты, - Эмесе менин ырдай албаганыма байланыштуу келинчегим Кундуз ырдап берсин! - дегенде Кундуз шыбырап калды:

- Койсоңчу, уят кыласың го?

- Ырда, ырдап кой жаным.

- Макул, - деп Кундуз микрафонду алып оор дем алып алды да, - Азат, Жайнагүл, тоюңар куттуу болсун, ушул ыр силерге белек катары тартууланат! - деди да үнүн созуп кирди, ал ушул ыр менен бирге жүрөгүндөгү арман - кайгыны төгүп жаткандай залдагы эл анын өзүнө, үнүнө арбалгандай туруп калышты, -

- Билем жаным, таарынасың мага дайым.

Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын.

Сезген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин.

Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин, - деп толук ырдаганда шатырата кол чаап андан ары той уланып жатты, ошол ырдан Гүлжигит өзүнө бир жаман кайрык тапкандай болду, өзү четте калып Кундуздун жүрөгүндө башка адам жашап жаткан сыяктуу ичинен ирий баштады, ал ошол күнү аябай ичти, кызып калганын көрүп такыр ичпеген досу Алмаз.

- Гүлжигит, сен бул бойдон рулга отурганга болбойт, биз сени жеткирип коелу, - деди ага.

- Ж-жок, өз-зүм кетем, - деп болбой койду.

- Гүлжигит, сен бул кебетең менен айдай албайсың го? - Кундуз дагы ушинткенде ал теңселе карады:

- Эмне, к-кебетем с-сага ж-жакпай к-калдыбы?

- Кой эми, элдин көзүнчө урушпай кетели, - Кундуз күлгөн болду, акыры аны артка отургузуп Алмаз рулга отурду, Кундуз менен Алмаздын аялы артка Гүлжигит менен отурушту. Ал күнү эчтеке билбей уктап калып таңга маал ойгонуп башынын зыңгырап ооруганын сезди, тойдо болгондорду ойлонуп жата берип Эрнисти эстегенде кыжыры кайнап жанында жаткан аялын карады, ал уктап жаткан, кирпиктери төгүлүп, жүзүнө чачы жабыла кереметтүү дүйнөдө уйкудан ойгонбой жаткан келинчегин карап: "Сулуулар ушундай калксыңар да, кимди да болсо сүйдүрүп аласыңар", - деген Эрнистин сөзү кулагына жаңырып аны түрттү:

- Эй Кундуз турчу, башым ооруп калыптыр.

- Мм, кое турчу, кеч жаттык го?

- Тур дейм, менин башым ооруп жатат.

- Сени бирөө көп ич дедиби?

- Мени ич, ичпе деп айтчу адам туула элек.

- Эмне болуп кетти? - Кундуз башын көтөрө өйдө болду, - Карга бок чокуй электе ачууланып калгансың го?

- Болду, көп сүйлөбөй бирдеме берчи.

- Эмне берейин, арак үйдө жок да.

- Сенден арак сурап жатамбы? - Кыйкырып ийди эле чоочулай туруп кийинип ашканага чыкты:

- Суу ичесиңби?

- Ооба, келе бери! - Чыныны жулуп алды.

- Сага жин тийдиби?

- Ооба, мага жин тийди, сендей катынды алганда тийиптир!

- Жинди го? - деп сыртка чыгып кетмек болгондо этегинен тартып төшөккө отургузду.

- Сен мага чындыкты айтмайын өзүмө келбейм.

- Кандай чындык?

- Балаңдын атасы Эрниспи?

- Кудай жалгагыр, ал жөн эле айылдашым.

- Жаныңды жебе, өлгөн деп калп айтып коюп ошол айылдашыңдан боозуп мага таңуулап жатасыңбы? - Ачуулана чачынан кармап чалкалатып көздөрүн чакырайтты, - Айтасыңбы чындыкты?

- Гүлжигит, өлтүрсөң өлтүр, бирок мен сага баламды таңуулабайм, баланын атасы өлгөнү чындык, - Ыйлап жооп берди.

- Калп! - Гүлжигит аны түртүп ийди, - Балаңдын атасын айтпасаң менин жаным тынчыбайт, атасы өлгөн деп менин башымды айланткың барбы? - Ушул убакта Орунбү алардын урушкан үнүн угуп келе жатып угуп калды: "Кудай уу-ур, башкадан боюна болуп келген турбайбы курган балам ай, дегеле аялдан жолу болбоду, бактысын тилебей эле өмүрүн тилей берген экенмин, бакытын кошо тилесем болмок экен", - деп ойлонуп туруп калды.

- Мен сага жалдырадым, кетир кое бер дедим, эмне сага мен жармаштымбы, мындай кордукка чыдай албайм, кетемин үйүмө! - деп Кундуз тура калды.

- Кайда кетесиң, менин үйүмдөн өлүгүң чыкпаса тирүү кетирбейм! - деп Гүлжигит аны жетип кармап туруп диванга түртүп ийди, - Оңой эле кетип калгың келип турабы ыя?

- Анда өлтүрө бер, болбосо кетем, ажырашам! - Кундуз тилин тартпады, - Мени зордук менен алып келип алып көрсөтөөрүң ушул беле ыя, сурап алаарым бар менин дагы, сенден корко турган алым жок!

- Эмне болуп кетти ботом, кечээ эле үйлөнүп бүгүн минтип отурганыңар кантип болсун, уккан эл эмне дейт? - Орунбү кирип келип экөөнү ажыратты, - Аял киши тилин тарта жүрүш керек кокуй.

- Балаңыз мени болбогонума карабай алып келген, ачык эле айткамын, эми мени күнөөлөп жатат.

- Тилиңди тарт, баары бир сени айттырам, - деп Гүлжигит апасынан тартына сыртка чыгып кетти.

- Балам, эркекти кайра көкүтүп сүйлөбөй жүр, эркек деген ошондой болот айланайын, кой ыйлабай өз оокатыңды кыл, - деп Орунбү келинин тынчтандырып кайра уулунун артынан чыкты, ал сыртта чылым чегип турган, - Балам ай, өзүң каалап алып келдиң, эми кандай болсо да чыдооң керек, ал дагы бирөөнүн баласы.

- Апа, биздин ортобузга киришпей эле коюңуз.

- Ийи, кантип киришпей тура алам, сен менин жалгыз баламсың, менин сенден башка таянаар тоом жок экенин өзүң дагы билесиң, анан силердин урушуңарды угуп отура аламбы?

- Апа, болду эми урушпайм.

- Мейли, эсиң бар балам, бир жаңылдың эле, эми ушинуң менен тынч кана жашап кетсең экен, - деп кейип ары көздөй басып кетти. Гүлжигит короосунан чыгып камокту көздөй барды да эки жүз грамм арак ичип кайра келди, Кундуз үйүн жыйнап жатып: "Мен мындан кетпесем болбойт, эмне болсо ошол болсун, баламды өзүм чоңойтомун", - деген чечимге келип алды. Сыр билгизбей таңкы чайын алып келип, тамагын ысытып алдыларына койду.

- Балдарым, жашоо кыйын, бул жашоодо ар кандайлар болот, силер али жашсыңар, бүгүн урушсаңар анан табышасыңар, экөөңөр тең бири-бириңди көтөрсөңөр гана жашоодо баарын жеңип кетесиңер, дегиңкиси урушпай жашаганыңар жакшы, - деп Орунбү аларга өз акыл-насаатын айтып отурду.

- Апа, биздин ортобузду кечээ бирөө бузуп кетти, мен ошону Кундуздан ачык угайын десем айтпай жатат да.

- Эмнени айтам, мен сага чындыкты айткамын, бирок сен мени да ушул жакка өзүң зордоп алып келе жатканда айттым, сен экөөбүз качан сүйлөштүк эле, бир эле жолу көрүшпөдүк беле? - Кундуз жарылып кете жаздады, - Эмнеге сен мени сүйлөшпөй туруп үйүңө алып келесиң?

- Мен сени сүйөм.

- Сүйгөн киши мындай кылбайт!

- Анан кандай болот сүйгөн киши? - Гүлжигит кекете көздөрүн жүлжүйтө муштумун түйө карады, кокус дагы сүйлөсө эле баса калчудай болуп комдоно калды.

- Болду, кайра баштадыңарбы, бул үйдөн тынчтык кеткениби ыя, уккан-көргөн коңшулар кеп кылбайбы?

- Болду апа, кечир...

- Балаңызды тыйыңыз, мен мындай кордукка чыдай албайм! - деп Кундуз эшикке чыгып кеткенде Гүлжигит турмак болду эле аны апасы тургузбады:

- Туура айтат, бул дагы бирөөнүн жалгыз кызы экен, кечээ эле келсе, бүгүн сен аны урушуп турсаң болбойт, эгерде көңүлүң иренжип калган болсо тынч кана кетирип ий балам, боюнда бар аялга кыйын...

- Кетирбейм, мен аны сүйүп алгамын апа.

- Анда аны да түшүн, өткөнүнө кайрылба, сен эркексиң балам, бир ай боло элек, андан көрө той жөнүндө кеңешкиле, тойду качан өткөрөлү уулум? - деп Орунбү эне баласынын көңүлүн башка жакка бурмак болду, - Үйлөнүү той өткөрөм деп аттың эле го?

- Көрөбүз апа, - деп Гүлжигит да туруп кетти, ал эми сыртта Кундуз дөңгөчкө отуруп алып ыйлап жаткан эле, анын жанына барып унчукппай отурду да, колун кармамак болгондо тартып алды.

- Тийбе мага, менин сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Эмнеге, сен менин аялымсың да.

- Менин макулдугум жок кыйылган нике мен үчүн мааниге ээ эмес!

- Ошондойбу? - деген Гүлжигит турду да унаасын от алдырып кайдадыр айдап кетип калды.

- Олда балам ай, андай мамиле жасабай жүр дедим го эркекке, эми ал бир балакеттин ичинен чыкпаса болду, - деп Орунбү эне анын жанына келип кейип-кепчип кирди, - Кайда кетти кокуй?

- Ичкени кеткендир да, мени кечириңиз апа, андан көрө менин кетүүмө жардам бериңиз, балаңыз менин оюма койбой эле алып келген, биз жашай албайбыз,- деди жалдырай карап, - Мени сиз түшүнүңүзчү.

- Апей ботом, өз баламдын аялын өзүм кетиргендей мени ким деп турасың? - деп бир ормое карап алды да, - Кой айланайын, бара-бара жакшы болуп кетесиңер, Гүлжигитим андай эле зыкым эмес эле, курган сүйүү деген балакет баскан сүйүү деген балакет аны жинди кылып койгон го, сен дагы аны имере тартсаң балам.

- Коюңузчу эне, өзү тигинтип турса мен эмне кылмак элем?

- Аял деген күйөөгө жумшак мамиле кылат, сени каалап алды балам, ал сени жакшы көрөт, анча-мынча ачуусу келгенде унчукпай койсоң бар балээден кутуласың, уруш да болбойт, аны сен гана токтото аласың.

- Мен андай кыла албайм, сиз каршы болбоңуз, мен кетип эле калайын, суранам апа сизден, - Тизээсин кармап ыйлап жалдыраган келинин өйдө кылды:

- Кой балам, мен өз балама душман эмесмин, уктум баарын, сенин ичиндеги балаң башкадан экен, ага тартынбай төрөп бер балам, балам жалгыз, өз неберемдей кылып багып аламын, андан көрө жүрү үйгө кирели, өзүңдү карманып күтүп тур, Гүлжигит келип калаар...

- Апа, мени кое бериңизчи, балаңыз мени түшүнбөйт.

- Болбойт балам, бас үйгө кирели, - деп Орунбү эне, аны колтуктап алып үйгө киргизди, - Эл билбесин эми, өз баламдай көрөм сенин балаң менин балам, неберем болот садага, андан кийин дагы төрөп бересиң, билинбей калат айланайын, - деп отургузуп өзү чыныга суу алып келди, - Суу жутуп алчы.

- Апа, мени түшүнсөңүз боло? - деп буркурап ыйлай берди.

- Эс ал, Гүлжигит келип калса дагы ачууланып жүрбөсүн, мен энемин, эне балдарына жамандык каалабайт, эми сен дагы эне болосуң, анан баарын түшүнөсүң, - деп чыгып кетти. Кундуз ыйлап көздөрү тоодой болуп шишип жатып уктап калды, бир кезде сырттан кобур-собур үн чыкты, чоочуп тура калып кулагына апасы Селкинин үнү шак дей түштү.

- Апа... - деп томсоро тура калганда Селки кирип келди, - Апа! - Кундуз аны жетип кучактап калаарда ал кызын заардуу карап өзүнөн алыс түрттү:

- Сенин бул эмне кылганың ыя, эл караган жүзүбүздү жер караткан кандай шерменде болдуң эле?

- Апа!

- Унутпа, мен сага эми эне боло албаймын, бас кийин!

- Гүлжигит айттыбы? - Кундуз селдээ томсоро туруп калды.

- Бол кийин, үйгө кетебиз.

- Азыр, - деген Кундуз өзүнүн кийимин алып Гүлжигиттин алып бергендерин таштап үйдөн чыгып келе жатканда Орунбү эне:

- Кудагый, балдарды тим кой, урушат-талашат, акыры өз ордун табышат, мен келинимди бул үйдөн чыгарбайм, - деди эшигин тосуп, - Баш кетирген болбойт кудагый, мен эки башты бирдей кетиргендей алым жок!

- Кудагый, мени кечир, Гүлжигиттин айтканы туура, мен өз кызымды талтаңдатып өз оюна коюп жаңылыштым, эми бул жерде калганда эмне...

- Жо-ок кудагый, менин эси жок балам ката кетирди силерге барып, мен Кундузду өз кызымдай көрөм, келиним да кызым да болот мындан ары, андан көрө отуруп конок болгула, алдыңарга дагы бара элекпиз, - Орунбү эне селдейип турган Гүлжигитке кайрылды, - Тур балам, чоң козуну сое кал, ага-жеңелериңди чакыр, эч кимиси жоктой болбой, биз дагы бир чоң уруу журтпуз, бүлөөбүздү оңой менен кетире кое турган, - дегенде өзүнүн кылган ишине өкүнүп турган Гүлжигит жүгүрүп кетти.

- Алда кудагый ай, ушундай сөздөн кийин силердин жүзүңөрдү кароо мага дагы кыйын болуп жатпайбы, сыртта эки агасы жинденип зорго турушат, - деп Селки эмне кылаарын билбей калды.

- Селки кудагый, азыр тууган-уруктун билермандары келет, бул сыр биздин ичибизде болсун, жөн гана балдар урушуптур деп коелу, анткени адам болгондон кийин силерде да, бизде да намыс бар, - деп Орунбү эне айтканда Селкинин башы шылк дей түшүп үн-сөзү жок отуруп калды.

- Апа, эч кимди чакырбай эле койбойсузбу, менин кеткеним эле жакшы, Гүлжигит экөөбүз жашай албайбыз, - деди Кундуз.

- Жашайсыңар балам, эң сонун жашайсыңар, мен сени бул үйдөн чыгара албайм, Гүлжигит өз каталыгын өзү түшүнөт бир кезде.

- Кирип кийимиңди коюп ишиңе кириш! - деди кызына өктөм, ал азыр уятынан зорго турган эле. Аз өтпөй эле Гүлжигиттин атасынын бир туугандары, аялдары менен балдары жетип келишти, союш союп куда-кудагыйын коноктоп, Селки менен эки баласына кийит кийгизип:

- Уулумдан өткөндү кечирип койгула айланайын, эми жаштар урушуп талашат экен, айып этпегиле, - деди Орунбү эне.

- Ооба кудагый, айып бизде, балабыздан кеткенди кечиргиле, - деп агасы дагы Селкиге кайрылды.

- Эмне дейин, мындан ары тынч жашап бактылуу болушсун, силерге ыраазымын кудалар, - деп Селки ашыкча сөз айта албай кызын бир карап коюп унаага отуруп жөнөп кетти. Орунбү алар кеткенден кийин кайнилерин коноктоп узатты:

- Туугандын турпагы алтын деген ушул, Гүлжигитиме силер өбөк-жөлөксүңөр, ушундайда келип жаман иниңердин намысына жарап бергениңирге ыраазымын.

- Койчу жеңе, агамдын арбагы үчүн, Гүлжигиттин көңүлү, намысы үчүн биз турбаганда ким турат эле, биздин милдетибиз да.

- Ошентсе да, кудай жалгасын айланайындар, атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн деген тура, анын сыңары атасынын арбагын эсиңерге алганыңарга ыраазымын.

- Мейли жеңе жакшы тургула, биз эми биерде элебиз го, келип кетип турабыз, - деп абысындары да кетишти, Орунбү үйгө ачуулуу кирди, - Гүлжигит кайдасың?

- Эмне болду апа?

- Отур! - деди ага өктөм, - Бардың кайын журтуңа, эмне абийир таптың ыя, сен Кундуздун эмес өз абийириңди төктүң, сени мен ошону үчүн өстүрдүм беле, анын ата-энесине айтканда эмне өзгөрдү, сени бирөө зордоп үйлөнттүбү, же Кундуз сага өзү тийем деп жабышты беле ачыгыңды айтчы?

- Апа кечир мени, өзүм дагы уялып калдым.

- Уялдыңбы, мындай иште жети ойлонуп бир кес дечү элем го, кана Кундуз менен жашай албайсыңбы, өзүм эле кетирип жиберейин.

- Жок апа, жашайм эле...

- Анда анын айтканын угуп койдуң беле, боюмда бар, күйөөм өлгөн, ата-энемдин алдына барганга үлгүрө албадык деди беле?

- Айткан.

- Ошонун баарын билип туруп алган сен белең?

- Ооба.

- Мага мурда жашап жүргөнбүз дедиң беле?

- Ооба.

- Анда унчукпай жаша, - деп экөөнү карап калды. Кундузда сөз жок, башын жерге салып жер чукулап отура берди, Гүлжигит дагы үндөбөдү, үчөө үч жерде отуруп калышты, бир топтон кийин Кундуз өзү туруп барып жумушун жасай баштады: "Кандай жакшы аял, ушунчалык акылдуу аял тура, кантип ушуга каяша кыла алам, башымдан ылдый суу куюп көрүнгөн жерде жүргөн сойку, баламдын башын айлантппай жогол десе эмне кылат элем, мен эми ушул аял үчүн да баарына чыдашым керек, Гүлжигит эмне десе ошо десин, төрөсөм төрөт үйүнөн эле бирөөгө берип коюп чарчап калды деп коем, ушул бала болбосо биз бактылуу эле жашап кетээрбиз", - деп ойлонуп жатты. Ошондон кийин унчукпай калды Гүлжигит, бирок Кундуз экөөнүн ортосу салкындап баратты, ай күнү жетип Кундуздун толгоосу келип түндөп төрөтканага алып барды, таңга маал уул төрөдү, Гүлжигит жеткирип коюп кетип калган, Кундуз акушеркага ээндетип сүйлөшмөк болуп жаткан, бирок Орунбү келип калды.

- Айланайын келиним төрөдү эле, кирүүмө болобу? - деген кайненесинин үнүн угуп калтырай түштү.

- Эже, - деп коридордогу сторожду өзүнө чакырды.

- Эмне болду?

- Эжекебай, сырттагы аялга мени жок деп коюңузчу.

- Эмнеге? - Таңгала карады ал.

- Муну алыңыз, түндө төрөгөн соң баласын алып чыгып кетиптир деңиз.

- Сиңдим...

- Эже, суранам сизден, ансыз дагы бүгүн чыгам, кетип калсынчы.

- Жарайт, - деген сторож аял ары баратып чөнтөгүнө салган акчаны акырын карады да келип кеткен терезеге келди.

- Кызым, Кундуз деген келиним төрөгөн эле, чакырып коесуңбу? - деди тешиктен озуна Орунбү.

- Азыр, карап көрөйүн, - деп бери басып бир аз турду да кайра барды, - Эне, ал түндө баласына алып кетип калыптыр.

- Апей ботом кайда кетмек эле?

- Билбейм, бул жерде жок, качып кетсе керек сиздерден.

- Капырай, - деген Орунбү эне ага карабай дароо артка бурулду, ал кетээри менен Кундуз врачка барды.

- Мен бүгүн кете берсем болобу?

- Күйөөңдүн паспорту керек, балага күбөлүк жазышыбыз керек.

- Эже, күйөөм жок, төрөлө электе киши колдуу болгон...

- Кечир, бирок өлгөндүгү тууралуу...

- Аны да алып келе албайм, эч кимим жок, справка берсеңиз болду.

- Жарайт, төрөгөнүңө беш күн болуптур, чыга берсең болот, - деди врач ага бир сыйра карап боору ооругандай, - Орооң барбы?

- Бар, ала келгем.

- Макул, - деп отуруп калды, Кундуз шашыла туруп кийинди да баласын ороп алып жөнөдү: "Гүлжигит келбеди, беш күн болгончо келбегенине караганда ал дагы пейилин өзгөрттү, андан көрө баламды өзүм багамын атасынан калган акча бар", - деп төрөтканадан чыгып аялдамага келип автобуска отурду, батирдин акысынын канча убакыт калганын ойлонуп келе жатты: "Дагы эки ай бар экен, кайра төлөп койгонум жакшы болуптур, ушундай болоорун жүрөгүм сезген", - деп батирине келди. Бөлмө жылуу эле, анткени кышкы парабой иштечү.

- Мына, мына уулум, биз өз үйүбүзгө келдик, - деп диванга жаткырып коюп үй ичин бир сыйра карап көрүп анан уулунун жанына жатып алып көз жашын үнсүз төгүп жатты: "Эмнеге менин бактым ушундай болду, сүйүү деген нерсени уккум келбей да калды, сүйүүнүн ачуу даамынан башка эмнени көрдүм, болгон окуяларды сүйүү деп атабас элем, мен Эрнисти сүйдүм, ал да мени сүйчү, бирок эмне болду, Гүлжигит мени сүйөм деп жан алы калбай калат, ушул тырмактай түйүлдүк анын сүйүүсүнө тоскоолдук кылды го, кантип ошонун сүйүүсүнө ишенем, андан көрө эптеп баламды өзүм өстүрөмүн, мен эне болдум, бирок кубанычымды бөлүшөөр эч кимим жок", - деп жатканда уулу чукуранып алды, - Апасынын баласы, менин бактым эми сенсиң, сен деп жашайм уулум, - деп бооруна кысып жылмайып алды. Ошол убакта эшиктин коңгуроосу чырылдады эле жүрөгү шуу этип кетти: "Ким келди, Гүлжигит болуп жүрбөсүн, ошол болушу мүмкүн", - деп козголбой отура берди, жаны калбай чырылдаган званокту укпагандай таризде эле. Алаңдай ымыркайды бооруна кыскан бойдон акырын коридорго келди, анан эле:

- Уулум, бул үйдө эч ким жашабайт, - деген коңшу аялдын үнүн угуп демин ичине ала туруп калды.

- Кечээ-бүгүн келген эч кимди көрө албадыңызбы? - Гүлжигиттин үнүн тааный койду.

- Жок, кандай кулпуланса ошол бойдон турат.

- Кечириңиз, - деп ылдый түшүп кеткени угулуп турду.

- Өх, - деп алды анан, - Жетип келгенин кара, - деп сүйлөшүп алып уулун эмгизип көпкө отурду, анан карды ачканын сезди, муздаткычта эч нерсе жок эле, кийин Гүлжигит экөө келип ичин жууп-тазалап сууруп коюп кеткен болчу, андан кийин өзү келип акчасын карап, батирдин дагы алты айдыкын төлөп коюп кеткен, анткени үй ичиндеги буюмдардын баарын Дуулат алып келген, баары бар эле: "Дуулат, жок дегенде чогуу бир сүрөткө дагы түшпөптүрбүз, неге эрте кеттиң, ата-энеңдин дайынын билсем балаңды алып барат элем, балаң бар экенин билбей кеттиң, мен сени менен гана бактылуу болмокмун", - деп кайра ыйлап уулун жаткырды да суу коюп чай ичмей болду. Ал күнү эч жакка чыкпады, жарыкты күйгүзбөдү, түнкү ондордо акырын чыгып дүкөнгө барып тамак-аш алып кайра келип шам-шум этти. Ал бир жумадай жарык күйгүзбөдү, бардык шарты болгон соң кайда бармак, болгону мусору көбөйүп баратты. Гүлжигит эки-үч күнгө чейин анын үйүн айланчыктап, каалганын түбүнөн баланын үнү чыгып калабы деп тыңшап жүрүп үмүтү үзүлгөндө гана кайнатасыныкына келди, аны көргөн Сагынбек көңүлсүз баш ийкеп койду.

- Кел балам, дагы эмне болду?

- Кундуз төрөгөн, төрөтканадан кетип калыптыр, - деп башын жерге сала күңкүлдөдү.

- Эти меники, сөөгү сеники балам, менин андай кызым жок, тапсаң да таппасаң да өзүң бил, - деп туруп кетти.

- Кечириңиз, - деп кайрылып кетээрде Селки чыга калды.

- Эмне болду айланайын?

- Кундуз жок...

- Кайда кетти эле?

- Төрөгөн.

- Анда убара болбо балам, кеткен немени издебей эле кой, бизде не күнөө, ата-эне болгонубуз, тарбиялап өстүргөнүбүз болбосо.

- Жакшы калыңыздар, - деп Гүлжигит кайра жөнөдү, Кундуздун батирин түнкү он-он бирге чейин акмалады, же баланын үнү же жарык күйбөгөн соң үмүтү үзүлө үйгө келди, уктабай жаткан Орунбү эне жаткан жеринен башын көтөрдү:

- Барбы?

- Жок.

- Курган келин десе, кайда кетип калды экен?

- Кетсе кете берсин, - Гүлжигит өз бөлмөсүнө кирип кетти: "Ал баягынысына кетип калган окшойт, шашпагыла экөөңдү бирге көрсөм ошол жерден өлтүрөм", - деп кекенип жаны жай албай жатты. Арадан бир айдай өткөндө Кундуз жашырынып жүргөнүн коңшулары байкап калды, кээде дүкөнгө чыгып шашылып кайра кирип кетет, баланын үнү анда санда чыгып калат.

- Берекем, Султаным менин, - деп эки жакты көз токтото карап калган уулун өпкүлөп эзилип алат, ал уулунун атын Султан деп коюп алган, керээли кечке уулу менен алек, жалаягын жууп кургатып үтүктөйт, буламык жасап берет, өзүнүн кардын тойгузат". Акча азайып баратат, дагы канчага жетээр экен, түгөнсө кантем, Гүлжигиттен кутулсам болду, эптеп уулум менен күн өткөрөөрмүн", - деп ойлонуп отурганда дагы эшик тыкылдады: "Гүлжигит келип калдыбы, эми эмнеге келди, менин аны менен жашабасымды билгенден кийин эмнеге келет, азыр урушуп туруп кууп жиберем", - деп жини келе эшикке жетип ача койсо апасы туруптур.

- Үйдө белең? - деди Селки салкын гана.

- Ооба...

- Табамбы, таппайынбы деп келдим эле ө-өх! - деп үйгө кирип диван үстүндө тарбалаңдап жаткан наристени көрүп саамга унчукпай туруп калды да анан анын жанына келип колуна алды, - Чоңоюп калган экен, - Өөп койду.

- Апа, мени кечиргиле, тагдырым ушундай экен...

- Айла канча, жалгыз кызымдын багы тайкы болоорун кайдан билдим.

- Атам эми кечирбейт го?

- Ал азыр карайып-түнөрүп эле жүрөт, өткөндө кан басымы көтөрүлүп доктурдан укол алып зорго эс алды, ага эле оңой дейсиңби?

- Кантем апа, өзүмдү-өзүм өлтүрүп кое албадым апа, бул үйдүн акысын да төлөй албай калсам кайда барам? - деп көзүнүн жашы төгүлгөн кызын көрүп жүрөгү ооруп кетти.

- Карангүн ай, кандай күнү гана шордуу кылып төрөдүм экен, алдагы өңүң сага бакыт алып келбей эле шор тартуулады го, - деп кейип тарбалаңдаган наристени ууртунан өөп алды, - Атын ким койдуң Кундуз?

- Султан деп жатам апа, бул экөөбүздү эч ким кубана тоспойт, өзүбүз-өзүбүзгө султанбыз да.

- Каралдым ай, муңканбачы садага, мен тирүү турсам томсортпойм, бир айласын табаармын, качан келет батир акысы?

- Дагы эки ай калды.

- Анда жакшы экен, Жамалдан берип ийем.

- Келиниңер кандай, дурус элеби?

- Кудайга шүгүр, чепилдеген келиним бар.

- Жакшы экен, Жамал экөө сүйлөшүп жүргөн бекен?

- Ошондой го?

- Ийи, - деп үстөлгө нан-чайын алып келди, - Кел чай ич апа.

- Мейли, ичсе ичейин, - деп жанын сыйпалап акча алып чыкты, - Ме буга эт-аш алып келип алчы, арыктап да кетиптирсиң, кантейин колумдан келсе, атаңды көндүрө албай мен деле куурадым.

- Жок апа, этим бар азыр, анан тамак жасайм.

- Иштебесең кайдан таап жатасың ботом? - Эне кызын ормое карап таңгалганын даана билдирди.

- Апа, - Кундуз апасынын жанына жакын отуруп баарын айтып берди, - Жакында ата-энесине барып, анан силерге бармак болуп жатканда...

- Тилегиң каткан шум ажал ай, бирөөнө андай, бирөөнө мындай өлүмдү жазып коет тура, шоруң каткыр табышкер неме экен, өлбөгөндө эмне...

- Ошентип балам экөөбүз ар кимге кор болдук апа...

- Садагаң кетейин, көп кейий бербе, бир күнү багың ачылып кетээр, - деп кызы менен сүйлөшүп отурганда шып этип Гүлжигит кирип келди, Кундуз алаксып калып эшикти бекитпей калганын эми эстеди:

- Кундуз, менден эмнеге мынча качтың? - деп барып эле кучактап калды, ал абдан жүдөп, сакал муруту өсүп арыктап кетиптир, - Акыры таптымбы?

- Кое бер дейм Гүлжигит! - Кундуз аны түртүп зорго бошонду, - Эмнеге келдиң?

- Кундуз, мени кечир, мени кечирчи! - деп жалдырап ийди.

- Жок, биз жашай албагандан кийин бекер убара болупсуң, азыр кетип калбасаң милиция чакырам!

- Андай дебе Кундуз, уулумду алып үйгө кетели.

- Гүлжигит, - деди Селки токтоо, - Эми жашооңор болбой калды окшойт, кудагый экөөңөргө дагы рахмат, Кундуздун жаманын жашырып, жакшысын чыгардыңар, жаман айтпай кудагый өз баласындай көрүп келди.

- Апа, мен Кундуз менен жашайм, - деп Селкинин колундагы наристени колуна алып өпкүлөп кирди, - Мен уулумду эч качан жерибейм да ажырабайм.

- Балам, өзүңдү да, муну да жаш баласы менен кыйнаба.

- Кыйнабайм апа, мен Кундуздан ажыраган күнү өлүп калам.

- Кой айланайын, өзүң жалгыз бала болсоң, антип айтпа.

- Гүлжигит, азыр чыгып кет, апам үчүн рахмат, а сен кайра эле баягыңды баштайсың, билип турам, сен дагы өзүңдү кыйнай бербе, мени дагы кыйнабай тынч кетип кал, - деп Кундуз Гүлжигитти көкүрөктөн аста түрттү, - Биздин жашообуз болбойт, мен билип турам, сен баары бир бир күнү балам экөөбүздү кыйнап ара жолго калтырасың.

- Кечир Кундуз, мындан кийин андай болбойт, - деп кетээнчиктеп барып босогого жетти, - Кантип эле кечире албайсың?

- Кечиргидей күнөөң жок, күнөө менде, болдубу эми, - деди да чыгарып эшикти ичинен илип алып көзүн жумуп туруп калды.

- Кеттиби? - деди Селки.

- Ооба кетти.

- Курган жашоо ай, аны көрүп ага дагы бооруң ооруп кетет, ал дагы бирөөнүн баласы, - Селки кейип калды.

- Болсо боло берсинчи, дегеле көңүлүм калды.

- Өзүң бил балам.

- Экинчи сөз кылбай эле койчу апа, кутулдум окшойт, - деп отуруп калды, аздан соң тамак жасап, Селки экөө баласын киринтип, анан тамактанып болуп жатып калышкан, түн бир оокумда эшиги такылдап кирди, Селки уктап кеткен экен, Кундуз ойгоо болчу, кулак түрүп жаткан "Гүлжигит мас болуп алып кайра келди окшойт, эми эмне кылам", - деп ойлоп турганда:

- Кундуз, эшикти ач балам, мен келдим, - деген Орунбүнүн үнү угулду.

- Апа, - деп Селкини түртүп ойготту ал, - Апа эшикте кайненемдин үнү чыгып жатат.

- Эмне дейт, жарым түндөбү?

- Ооба, эшикти ачайынбы же...

- Ачасың да, карыган немени курган бала жетелеп келген го?

- Эми эмне болот, болбой отуруп алышса кантем апа?

- Көрөбүз, түн бир оокумда эшикке тургузуп койгонуң уят.

- Кундуз, ашчы балам, мен элемин! - деп дагы үн салды, Кундуз туруп барып эшикти ачып оозун ачып калды, кайын журтунун беш-алтоо туруптур, алдында Орунбү эне, эң артында Гүлжигит.

- Апа.

- Кандай балам, неберем чоңоюп жатабы? - деп келинин өөп эчтеке болбогондой ичкери кирди, артынан баары киришти, - Кана, неберем кайда жатат, садагаң кетейин, - деп кирип келе жатканда Селки каршы алды.

- Кел-кел кудагый, жакшы жүрөсүңөрбү?

- Кудайга шүгүр кудагый, түндөп келгенибизге капа болбогула, менин бир жаман уулум Кундуз кетип калганы уйку бетин көрбөдү, жалгызымдын жабыр тартканына түтө аламбы, Кундуз экөө тең жаш, акырындап өз нугуна түшөт, өзүм көзөмөлдөйм айланайын кудагый, - деп Орунбү эне диванда уктап жаткан наристени колуна алды, - Болбураган мээнетиңди алайын десе, бей капар гана уктап жатканын, - деп ууртунан өөп кайра жаткырды, келгендер төргө катарынан отуруп калышты.

- Кудагый, - деди Гүлжигиттин атасы менен бир тууганы Шерик, - Кундуз жаштык кылды, ас-мас кер-мур айтышып калганга кетип калыптыр.

- Ооба, үй-бүлөө болгондон кийин болот да, - деди аялы Сайкал.

- Ошондой болуп калды, - Селки көзүн ала кача жер карай айтты.

- Апа, - Кундуз Орунбүгө кайрылды, - Апа, мени кечириңиз, Гүлжигит экөөбүз эми жашай албайбыз, мени кечириңизчи, өз жолум менен болоюн, мен сиздин алдыңызда күнөөлүүмүн, кечириңиздер бара албайм, - деп ашканага чыгып кетти.

- Кызым, мени сыйласаң барасың, мени неберемден бөлүүгө акың жок айланайын, - деп күлүмсүрөп ордунан туруп ашканага Кундуздун артынан кирип барды, - Садага кетейин десе, өпкөмдү чабайын, бир ачууңду мага бер балам, - деп өзүнө каратып эки бетинен өптү. Селки дасторконго даамдарды коюп, чай куюп отурду.

- Апа, мени кечирип койгула, экинчи Кундузга сүйлөбөйм, уруксат этиңиз, - деп Гүлжигит тура калып Селкинин жанына келип колунан сүйдү, - Сиз дагы айтыңыз, экинчи мындай болбойт.

- Балдар ай, - Селки башын чайкады, - Ата-энени кууратат экенсиңер го, деги эмне кылаарымды дагы билбей калдым, Кундуз өзү билсин.

- Апа, айланайын апа, мен Кундузсуз жашай албайм.

- Билбейм садага, жашоо силердики, мен эле өз баламды ара жолдо калсын демек белем, кандай эне баласына жамандык кааласын?

- Кудагый, жаштар эмеспи, мындан ары мындай болбойт, эми сиз да айтып көрүңүз, бала деген эненин тилин албай койбойт эмеспи, - деди Сайкал сөзгө аралашып, - Карыганда жеңемди темтеңдетип, баарыбызды жыйып келди, баласы турат, эми өздөрү деле ойлонушаар...

- Ооба-ооба, - деп сүйлөй албай калды Селки.

- Мына балам, - Орунбү эне Кундузду колунан жетелеп чыкты, - Мен Кундузду көндүрдүм, бир аз күн бул жерде жашап тургула, анан буйруса жакшылап сүйлөшүп алып анан үйгө бараарсыңар.

- Апамдын сөзү үчүн макул болдум, мен апамды сыйлабай кантип коем, Гүлжигит сен үчүн эмес, - деди Кундуз, андан кийин бир топко дейре аркы-беркини айтып сүйлөшүп отурушту да коштошуп чыгышты, алар кеткенден кийин эне бала үнсүз көпкө отурушту, бири-биринен сөз суроо аларга ушул кез кыйын эле.

- Көзүң жетеби кызым? - деди көптөн кийин Селки.

- Айлам канча апа, карыган неменин сөзүн укпай кое албадым, жалгыз баласы үчүн менин алдымда бечара болушун каалабайм.

- Туура кызым, дагы бир байкап көр, эгерде дагы бир күнү зээниңди кейитсе анда качпай этпей эле бизди чакырт, биротоло башыңды ачып алып кетем, - деди Селки.

- Мындан кутулуш кыйын болуп калды окшойт апа, өтө эле өжөр, - Кундуз ойлуу карады.

- Өжөр болсо өзүнө, колунан эмне келет экен? - деп кыңкая кетти, - Карыганда энесине кыйын экен, өзү кылып алып энесин ортого салып жетелеп жүрсө.

- Апасы абдан жакшы аял апа, баарын билсе дагы билмексен болуп, жалынып-жалбарып турат, ошону гана аядым.

- Мына, сен дагы эне болдуң, эми түшүнөсүң кызым, эненин сырын, - деп унчукпай калды Селки, ушул учурда терезеден жарык түшүп таң атып келе жатканынан кабар берип турду. Эртеси Селки кетмек болуп жатканда Кундуз:

- Апа, мен базарга барып продукты алып келип алайын, - деди.

- Мейли, мен отура турайын, - Селки уктап жаткан наристени карап койду, бөйпөйүп уктап жатканы бир башкача керемет: "Кундуздун эле көзү, төрөлгөндө ушундай эле, бактылуу эле болушса экен балдарым, үчөө бир тең, ушу кызым бир тең болду го", - деп терең дем ала үшкүрүнүп алды. Кундуз кеткенден көп өтпөй эле Гүлжигит келди, бир койдун этин, дагы толгон токой тамак ашты көтөрүп киргизип жатты.

- Апа, Кундуз кайда?

- Базарга кетти балам.

- Кое турса болмок экен.

- Ашык дөөлөт баш жарбайт балам.

- Мейли анда, мен машинаны токтоочу жайга токтотуп кайра келем, - деп чыгып кетти. Селки ошол күнү калып калды, аны Гүлжигит жибербеди, алып келген эттен салып коноктоп эртеси узатышты кыз-күйөө. Ал кеткенден кийин Гүлжигит Кундузга кантип жагынаарын билбей колундагы ишин ала коюп, жалаягын жууп берип, тамак жасап убара.

- Гүлжигит, - деди Кундуз, - Сенин мунуң жарабайт, эркек деген эркектей эле болгону жакшы, андан көрө сен менин жүрөгүмдү ооруткан сөз айтпа, арам ойлоп азапка салба, сенден башканы сурабайм, - деди.

- Болду-болду жаным, оозумдан сөз чыкпайт, - деп шыпылдады Гүлжигит.

- Мындан ары аялдын ишине киришпей жүр, адамдык сапатыңды жоготпо, сенден ушуну гана күтөм.

- Жарайт алтыным, сен айткандай эле болсун.

- Анда ишиңди кыла бер, мага жагынам деп жумушуңдан калба, - деп жылмайды, Гүлжигитке Кундуздун ушул жылмайышы дары сымал өзүн жеңил сезип Кундузду кучактап калды.

- Мага сенин бактылуу жылмайышың эле керек жаным, экинчи бир ашыкча сөз айтсам өлөйүн.

- Өлөм дебе, өлүм деген өксүк Гүлжигит, сен билсең сен деп канатын каккылаган апам үчүн сенин изиңди кайра бастым, эгер апам башка аялдардай болгондо ким билет...

- Жа-аным, ыраазымын сага, ошол апамды сыйлаганыңа рахмат, - Экөө кучакташып турганда наристе чукуранып калды.

- Султа-ан, Султаным менин, - деп Кундуз жетип ала койду.

- Кана-кана, уулумду мага берчи, - Гүлжигит колун сунду, Кундуз ага берди эле олдоксон кармай эңкейип мурдунан өптү, - Өзүңө эле окшошуп калган го?

- Өзүмдүн балам да, - Уулун кайра алды.

- Экөөбүздүн, биздин балабыз.

- Ма-акул, биздин балабыз, - Кундуз уулун бактылуу жаадырай карады, - Ырысым менин, бактым менин, - деп эзилип эркелетип жаткан Кундузду Гүлжигит ойлуу карап турду, ал ушул наристени Кундуз үчүн эле колуна алып жатканын туйду, жүрөгүнүн тереңинде дале кызганыч бар экенин сезип: "Ушул болбогондо биз абдан бактылуу болмокпуз, биздин ортобузга чыйкан болду го бул бала, өзүмдү кармап эптеп үйгө алып барып алсам болду, анан дагы көрөөрмүн", - деп ойлонуп турганда, - Гүлжигит, сен эмнени ойлонуп кеттиң? - деп Кундуз оюн бузуп жиберди..

- Алтыным, сага бала алып турган ушундай жарашат экен, сулуу болуп периштенин өзүнө окшошуп калат экенсиң.

- Ыраспы? - Чын дилинен күлө карады.

- Чын айтам, сени көрүп эстен тана жаздадым.

- Кой калпыңды, - деп Кундуз эми уулун эмгизип отуруп ойго батты: "Дуулат өзү көрсө кандай кубанаар эле, баламдын атасы боло алабы бул же жөн эле ушинтип жатабы, мени сүйсө баламды кошо сүйсүн, болбосо мен баары бир жашабай батир которуп кетем", - деп ойлонуп жатты, Гүлжигит өзүнчө ойго батып экөө тең унчукпай бүлк-бүлк этип эмчек соруп жаткан наристени карап отура беришти. Жашоонун эртеңи табышмак, ар бир күнүң табышмак деген сыңары азыр чынында экөө тең эле эртеңи эмне болоорун сезбейт, Кундуздун туюмунда Гүлжигит өзүн жадагалса ушул наристеден кызганганы сестентет, анын ушул бойдон эле момурап ынтымактуу жашап кетээрине ишенбейт. Эки-үч жума жашап калышканда Орунбү эне эки абысынын ээрчитип, небересин көргөнү келип калды.

- Айла-анайындар десе, кандай өпкөмдү чабайын, жакшы жашап жатасыңарбы? - деп жалынып-жалбарып Султанды колуна алып өөп отура кетти.

- Жакшы апа, өзүңүз кыйналбай элесизби?

- Кудай алмак беле балам, өлбөгөн жан кыбырап жүрөт, көзүм тирүүсүндө ушу жамандарымдын жамандыгын эле көрсөтпөсө экен деп кудайдан тилеп отурам садага.

- Ии-ий чоңоюп калган тура, атын ким койдуңар Кундуз? - деп Сайкал баланы колуна алып отуруп мурдунан чымчып бармагынын учун өөп койду, - Кундуздун эле өзү экен, оозунан түшө калгандай.

- Итке окшош болсо да аман болсун, акыл-эс берсин жараткан, - деп оор үшкүрүп алды Орунбү эне.

- Мага окшош бекен жеңе? - Кундуз кубана күлүп сурады.

- Өзүң эле капырай, карасаң каш кирпигин.

- Билбейм, азыр былжырап анча деле билинбейт го? - Уулун карап ойлуу телмирди: "Дуулат дагы ушундай сулуу болчу, ал болгондо кандай гана кубанат эле, байкушум ал болгондо башканы ата дедирет беле", - деген ар күнү башында турган ойду дагы ойлонуп турду.

- Кундуз, Гүлжигит кайда кеткен балам? - деген Орунбү эненин ою өз баласында эле: "Деги урушушпады бекен, дагы кыялын карматып кетип калдыбы курган балам", - деген күдүк ойлордо турган эле.

- Апа, ал иштеп жүрөт, сизге дагы кыйын болду, жалгыз турасыз, кыш өтүп кетсе барабыз го, Гүлжигитти сиздерге барып жардам бер деп эле жатам, болбой жатпайбы.

- Кызым, - деди Орунбү эне чын дилинен, жакшы аял эркектин багына, жаман аял шоруна деп коет, сенин жаштыгың болгону менен акылың жетик, жакшы аял болосуң, баламдын сырын мен билем, бала кезинен кызганчаак, - Эне күлүп калды, анын оюна бала кездеги Гүлжигиттин бир окуясы келе калды, - Ушу Гүлжигит он жашар болуп калган, төркүндөрүм: "Ушу деп бүт өмүрүңдү жалгыз өткөрмөк белең дешип мени бирөөгө бермек болуп калды, ал мени менен сүйлөшкөнү келиптир, анда мен отуз жетидеги жапжаш кезим, - деп Орунбү күлүп калды, - Экөөбүз сүйлөшүп отурсак эле ойноп жүргөн уулум кирип келди, аны бир, мени бир карап туруп: "Апам күйөөгө тийбейт, мен өзүм багам, кетип кал!", - десе болобу. Мен акырын сыртка алып чыгып: "Уулум, мен күйөөгө тийбейм, барып ойной бер садага", - деп алдап койсом мага ишене бербей: "Эгерде күйөөгө тийсең мен ушул үйдө калам, сен мени балам дебе", - деп жүгүрүп кетти, ош-шол балдар тигини келбе деп коюп жалгыз багып келе жатам.

- Капырай десең, ошондо сиз жапжаш бойдон экенсиз да? - деп Сайкал шыпшынып калды.

- Азыр канчадасыз апа?

- Мен азыр элүү сегиздемин кызым, жыйырма сегизимде төрөгөн балам.

- Ай-ий, жапжаш эле турбайсызбы?

- Жашы курусун, күйөөмдөн жашымда калдым, Гүлжигит деп бар өмүрүмдү сарптадым, эми көөнүм тынып тынч жашаармын десем минтип жолу саал... - Эне жашый түштү.

- Апа, мен сизди капаланткым келбейт, сиз үчүн жашайм апаке, эч качан капаланбаңызчы, Гүлжигитти сиз үчүн сыйлайм апа, сиз үчүн! - Кундуз аны кучактап өөп-өөп алды, - Сизди өмүрүмдүн аягына чейин сыйлап өтөм.

- Ыраазымын кызым, - Ойлуу ал дагы Кундузду өөп, - Мен сенден бир гана сөз сурайынчы, - деди.

- Сураңыз апа.

- Сен жок дегенде Гүлжигитти бир жолу жакшы көрдүң беле?

- Апа.

- Жок кызым, мен үчүн дегениңе сөөгүм ыраазы, бирок курган балам үчүн жүрөгүңдө бармак басым жылуулук, жашап кетүүгө жакшы үмүт барбы? - деп суроолуу тигилип калды, ошол учурда кирип келе жаткан Гүлжигит токтой калды.

- Апа, мени жарга такадыңыз, чынымды айтсам Гүлжигитке көңүлүм жок, капа болбоңузчу, бирок сиздин энелик мээримиңиздин алдында милдеттүүмүн, - дегенде эне оор үшкүрүнүп алды.

- Жасалма айталбаганың жакшы балам, бирок баламдын күнү не болоор экен, ал сен деп жашап жүрбөйбү?

- Билбейм апа, мени кыйнабаңызчы.

- Мейли балам, эмесе мени сыйлаганың чын болсо бүгүн баргыла, мен камына берейин, жээнтек той беребиз, - Орунбү эне ордунан турганда Гүлжигит ылдый түшүп кетти, Сайкал менен Орунбү эне чыкканда алдынан чыга калды.

- Апа, качан келдиңер?

- Балам, неберемди үйгө алып келгиле, тууган-урук, коңшу-колоңду чогултуп бир жээнтек берели, - деди эне уулуна.

- Кундуз макул болдубу?

- Болот да, болбой анан, акыл карачачтан акылдуу, Айчүрөктөй сулуу келиним мага, сага жок демек беле балам, кечинде барып калгыла, - деди да абысыны менен жөнөй берди.

- Апа, жеткирип коеюн.

- Жо-ок садагаң кетейин, жөн эле кетип калабыз.

- Макул, - деген Гүлжигит саамга ойлуу башын кашый туруп анан өзүн колго алып үйгө кирди, Кундуз аны көрүп өзүн кармап жылмайды.

- Келдиңби атакеси?

- Ооба, келдим апасы, апамдарга сырттан жолуктум.

- Келип кетишти, атайын Султанды көргөнү келишиптир.

- Оо, биздин Султанды көрүштүбү, көрүндүктү чоң алып келишкендир?

- Апам кийим-кече менен беш жүз сом берди.

- Жеңемчи, ал куру келбегендир?

- Ал эки жүз сом, күрмө шым алып келиптир.

- Оо баламдын кыштык кийими даяр болгон го? - деп Гүлжигит күлө Султанды көтөрүп алып болтоюп калган наристенин ууртунан өөп алды, - Кана уулум, күлүп койчу?

- Гүлжигит, эки айында эркек бала күлбөйт, үч айдан ары күлө баштайт деп уккам.

- Аа-а, мен кайдан билдим, уулумду күлдүрүп жыргайын дедим да.

- Жаткырып коюп тамагыңды ич Гүлжигит, анан базарга барып майда барат, таттуу-тарапа алып келчи, апамдарга куру бармак белек?

- Макул, - деп Гүлжигит сөзгө такала туруп калды, - Анан...

- Эмне анан?

- Кайра келебизби?

- Жок, карыган кишини жалгыз таштаганыбыз болбойт, эл эмне деп жатат ким билет? - деп Кундуз ары карап кетти: "Энең болбогондо сени босогомду аттатпас элем", - деп ойлонуп кеткен эле, Гүлжигит: "Энеңди урайын десе, муздай болуп турушун, эгерде ушунун артынан мага төрөп бере албасаң мен сени ойношуңа кошуп коем, апамды капа кылбай жашап турайынчы, ийиксең-ийиктиң, болбосо күнүңдү түнгө айлантам, менин сүйүүмө сүйүү менен жооп бере албасаң көргүлүктү көрөсүң", - деп кыжынып турду.

- Мен базарга кеттим, - деди анан.

- Кое тур, акча берейин.

- Менде бар жетээр...

- Жок, дасторконду дурусураак жасабасак болбойт да, апамдын пенсиясына эле ишенип отура бербей, сен алып келген акча ошол бойдон, - деп сумкасын алып акча алып чыгып берди, - Мейиз, өрүк, жаңгакты дурус эле ал.

- Жарайт жаным, - деп жылмая чыгып кетти Гүлжигит, Кундуз аны узата карап: "Ушул бойдон калсаң го жашообуз өз нугуна түшүп муз жүрөгүм ээрип бактылуу аял болоор элем", - деп кыялдана ойлуу отуруп калды: "Дуулат түндө түшүмө кирди, өлгөн киши түшкө кирсе жаман дечү эле, кудая тобо-о, тирүүсүндөгүдөй эле чай ичип отуруптурбуз да, кудай сактай көр", - деп чоочуп алды өзүнөн-өзү. Ошентип алар жүктөнүп алып апасынын үйүнө келишти, ал дайындап койгон союшун сойдуруп, боорсогун даярдап койгон экен, эл чакырып жээнтек той беришти, Орунбү эненин катышы жакшы экен бир топ эле түштү, акча бергендери мындан көп. Балдарга оюн уюштуруп берди, аларга Гүлжигиттин достору сыйлыгын тапшырып жээнтек той абдан жакшы өтүп жатты, ошол убакта капкара БМВ маркадагы унаа келип токтоп Азат келинчеги менен түшүштү. Алар Султанга коляска менен манеж алып келип, Орунбү энеге кыргыздын кемсели менен чо-оң ак жоолукту салып, колуна акча карматты. Андан кийин Гүлжигит менен Кундузду куттуктап келип:

- Туугандар, мен азыр бир оюн уюштурам, - деди ортого чыгып, - Беш миң сомду жоолукка ороп туруп жерге таштайм, эгерде ошону ат үстүнөн ким алып кетсе ошонуку!

- Ой азамат, кана жигиттер барсыңарбы? - деди топтолгон элдин ичинен бири.

- Мен алам! - деди бир жигит озуна.

- Мен чыгам! - дагы бирөө ага катар тура калды.

- Мен дагы, - деп бир кыз чыкты эле баары унчукпай калышты: "Ушул кыз ат үстүнөн кантип эңип ала койсун", - деген ойдо болуп турганда Азат.

- Эмесе оюнду баштайлы, - деп короодон чыгып үйдүн туурасындагы ээндикке элди ээрчитип жөнөдү, - Үчөөңөр тең атка минип тургула, мен кол көтөргөндө баштайсыңар, эгерде алып кеткениңерге андан башка эки миң сом кошумча! - дегенде элдер уу-дуу боло түштү. Ошол убакта эки жигитке катар кыз дагы ат минип туруп калды.

- Баштадык! - деп колундагы жоолукту көтөрүп булгаганда үчөө тең аттарын чаап жөнөдү, кыз алардан артта келе жатты, бирок, ал сезген белем, эки жигит эки-үч жолу эңкейип түйүнчөктү ала албай кайрылганда: "Эми кезегим келди", - дегендей атка бир жолу камчы салды да жулкунган аттын үзөңгүсүнө салаңдай калып колу менен жер шыпыра түйүнчөктү илип кетти, элдин ызы-чуусу күчөдү, бул чакан жээнтек той чоң тойлордон калышпай кызык оюндар менен коштолду. Азат жанагы кызды жанына чакырганда гүүлдөгөн эл тым-тырс боло түштү, - Атың ким карындашым?

- Жаңылмырза.

- Оо кадимки Жаңылмырза баатыр кыздай экенсиң го? - Азат күлүп калды, - Сен чынында ошондой экенсиң.

- Рахмат.

- Ата-энең бул жердеби?

- Ооба.

- Ооба, - деп жиберди эл.

- Атам.

- Жаңылмырза менин кызым, - деп жашы кырктардагы адам чыга калды, - Ушул жалгыз кызым, Орунбү менин таежем, мен өзүм жайы-кышы тоодомун, кызымды чабандес кылып үйрөткөмүн.

- Азамат байке, эмесе кызыңыздын утуп алган акчасынын үстөгү эки миң сом, азамат Жаңылмырза! - деп Азат кыздын колуна эки миң сом карматты, Жаңылмырза өзү он алтыда, бирок татынакай кыз, чачы такымынан ашкан кара көз, кара каш кыз.

- Рахмат иним сага дагы, ушул тойдо Гүлжигит бөлөмдүн кадырын көтөрүп ушундай оюн уюштурганыңа, сенин дагы ишиңе ийгилик, бактылуу үй-бүлөөдөн болгула.

- Азат, - деп Гүлжигит келди Азаттын жанына, - Рахмат Жайнагүл экөөңөргө тең, тойго келген коноктор баарыңыздарга ыраазыбыз, эми үйгө кирип тамакка карайлы, - дегенде эл сүрүлө үйдү карай бет алды, Кундуз үйүн тейлеп жүргөн, чакылгандар кирип орун алышты, жолдон кызыгып көргөндөрдүн көбү өз жолу менен кетишкен, ичке киргенден кийин дасторконго отуруп тамак алдыга келгенде арактан куюп сунуп өзү кармады да:

- Айланайындар, биз баарыбыз кубанып отурабыз, иним Гүлжигиттин жаман уулунун жээнтек тоюнда, эр жигитти сынагың келсе досун көр, деген экен илгерки ата-бабаларыбыз, Гүлжигит силердей дос күткөнүнө ыраазыбыз, эми ушу наристенин келечеги, ата-энеси менен бирге бактылуу балалыктын доорун сүрүшүн каалайбыз, ошол үчүн алып койгула, - деди Шерик.

- Ооба, алып койгула балдар, - Сайкал күйөөсүн коштоду, баары алып ийгенден кийин Гүлжигиттин досторунун бири Алмаз:

- Эмесе Гүлжигит, - деди баарын карап, - Мен азыр Рыспай Абдыкадыров агайыбыздын бир ырын такалбай, так жана өзүндөй ырдаган адамга үч миң сом сыйлык беремин, анда ыр кесени баштайлы, - деди.

- Туура-туура, кана кимиңер баштайсыңар, "сынакка" катышчулар барбы? - деди Шерик күлүп тегерете карап.

- Мен ырдайым, - деди жанагы эңе албай калган жигит.

- Жеңилген күрөшкө тойбойт болбо, - деди аны бирөө, - Бир кызча боло албадыңар.

- Мейли, ырдасын, - деди Гүлжигит, анткени ал тагасынын уулу эле, - Сенден баштап катары менен чыккыла, кошумча байгени өзүм берем.

- Жо-ок Гүлжигит, мен берем, - деди Данияр деген досу.

- Кана анда, байгеден куру калбайын дегендер карап турбагыла, - деп Шерик бакылдаганда жанагы бала ырдап баштады, андан кийин дагы үчөө-төртөө ырдады, жалаң Рыспайдын ырларын ырдап жатышты, акырында ыр кесе Жаңылмырзага келди эле ал токтобой ырдап кирди, ал ырдаганда негедир чымындын үнү угулчудай болуп тымтырс болуп калышты, назик коңгуроодой үнү сыздап жатты:

- Ошондогу сулуугу ай, дүйнөнүн.

Мен жер шаарын бүт кыдырып жүргөмүн.

Билбесем да бул дүйнөдө, бул жашоодо ак сүйүү.

Бир өзүңө эрте-кечтир жолугаарым билге-еми-ин! - деп созуп бүтүргөндө баары тунжурап уйкудан ойгонгондой боло кол чаап калышты.

- Азамат Жаңылмырза, кудай сага баардык жагынан берген экен, өмүрлүү, бактылуу бол! - деп Алмаз жанына келип колун кыса байгесин берди, - Кана туугандар, калыстык эле кылдымбы? - деп кайра отургандарга кайрылды.

- Туура болду.

- Эң туура, байгеге татыктуу ырдады, - деп жиберишти, ошол кезде Данияр тура калды:

- Эмесе кызыктыруучу сыйлыктарын тапшырып коюуга уруксат этиңиздер?

- Кана-кана? - Күлүп калышты.

- Самат, сага миң сом, Гүлнарага дагы миң сом, ал эми мына бул үч кичинекейге беш жүз сомдон, ал эми биринчи сыйлык Дастанга эки миң сом, анткени алгачкы байге Жаңылмырзага болсо, бул биринчи байге, булар аракет кылышты,ушундай залкар ырчынын ырын азыр жаштар билбейт деп ойлогонбуз, көрсө жаштар улуу ырчыны унутпаптыр, - деди Алмаз.

- Туура-туура, азыркы ырчылар төрт сапты уйкаштырып жазып алып эле миң кайталай беришет, анан эле жылдыз болуп чыга келишет.

- Ошону айтсаң, уккандан тажап кетесиң, - дешип сөздү улай ар кимиси ар кайсыны айтып калышты. Ошентип той да аягына чыкты, коңшу-колоң ыраазы болуп, суктанып да көрө албастыкка алдырып ичи тырышып да тарап баратышты. Чынында адам баласынын ичин ким билет, бирок пенде эмеспизпи, мындайыраак чыккандан кийин жакын эле коңшусу Сайра жанындагыны нукуй минтти:

- Тим эле өкмөттө иштеп күрөп таап жаткансып жээнтек тойду укмуш кылды го?

- Болсо өткөргөнгө жетеби? - деп койду Жаңыл жөн салды.

- Уктуң беле сен?

- Эмнени?

- Ой, бул төрөгөн бала Гүлжигиттен эмес экен, байкуш Орунбү калп эле телинип жатат.

- Койсоңчу ай, өзүнүкү эле го?

- Жо-ок, келгенде эле төрт-беш айлык боюнда келбедиби.

- Болсо болот да, азыркы жаштар ошентип "контрак", дейби жашай беришет экен да, бири-бирин абдан сынап анан ачыкка чыгышат экен.

- Ай кудай билет? - деди Сайра өз сөзүн далилдегиси келип, - Элдин баары эле айтып жүрбөйбү, Орунбү байкуш эле билгизбей жууп-чайып отурат.

- Эмне кылсын анан, жалгыз баласы болсо, - Жаңыл андан бөлүнүүгө шашты, - Кой жакшы кал, келгеним качан, кызыгып отуруп калдым.

- Эмне кошумча бердиң ыя?

- Өзүбүздүн ыраажабыз бар, беш жүз сомдон, андан башка бир кой дедим.

- Чоң тойдой эле болду го?

- Болсун, ар ким колунан келгенин жасай турган заман, - деди да узай берди.

- Ошо да, болбосо жээнтек той мындай болбойт, пулуң болсо өтүгүңдү жудуруп деле отура бер, - деп Сайра үйүнө кирип кетти. Кундуз аяштары менен көпкө чейин отурду, Азат менен Жайнагүл, Алмаз менен Гүлнара, Данияр менен Алмашты алып калып өздөрүнчө сыйлуу конок кылышты. Түн бир оокумга чейин отуруп анан өз-өз машиналары менен кетишти. Кундуз ушул жолу дагы кайненесине абдан ыраазы болду, эртеси түшкө жакын эки уул-келинин ээрчитип Селки келди, ал кызынын бетине чиркөө болбосун деп бешигин алып келген эле. Туугандары менен коңшу-колоңу кайрадан келип кол кабыш кылып кешик ооз тийишти, дегеле кыргыз журтунун санап бүтө алгыс жорук-жосуну, салт-санаасы бар эмеспи, ар бир ата-эне өз баласы үчүн жасашат, бирин-бири көрүп, биринен бири өткөрө жасагысы келишет. Жаздын жыты келип, кар алдынан көк кылтайган убак эле, ошого карабай эки жак тең өз салттарын жасап жатты, Сагынбекти канчалык чакырганы менен келбей койду...

Гүлжигит Султан чоңойгон сайын көргүсү келбей эле кайсактап, өзүнө карай талпынып "ата-аталаган" наристеге саал имерилип колуна алган болот да кайра эле жаткыра коет же апасына бере коюп башкага бурулуп кетет, анысын Кундуз сезип эле турат бирок сыр билгизбей зымыраят, батирине барып карап мөөнөтү бүтүп калганда үй ичиндеги буюмдарын башка арзан батир таап көчүрүп барып кулпулап койду, аны алып Гүлжигиттин үйүнө алып баргысы келбеди, болгон акчасы эки миң доллар калган экен, аны өз пальтосуна апасынан үйрөнгөндөй кылып ичинен тигип койду: "Кокус кереги тийип калат", - деп ойлогон. Бирок алардын жашоосу оңоюу менен ордуна келбеди, байкалбай арадан беш жыл өтүп кетти, Кундуз Султандан кийин төрөбөдү, ага кыжаалат болуп ичинен ирип, кээде ичип келчү болду Гүлжигит.

- Кундуз, - деди бир күнү кызуу келгенде, - Сенин эмнеге боюңа болбой жатат, мени качан балалуу кыласың?

- Гүлжигит, балабыз турат го, буйруса дагы болоор, - Кундуз ага атайлап эле Султанды эскерте айтты.

- Султан менин каным эмес экенин билесиң да.

- Билем, бирок сени минтип айтат деп ойлогон эмесмин, тапкан ата эмес баккан ата дейт тура, сен такыр балага имериле албадың.

- Ал кеп эмес, - деди кыжыры келе түшкөн Гүлжигит, - Мага өз канымдан жаралган бала керек!

- Кудай берээрин унутпасын.

- Султан бешке чыкты, жакшы көрүүгө аракет кылып жүрөм, бирок такыр болбой жатпайбы, - деп чынын айтты Гүлжигит, - Жок дегенде сен бирди төрөп койсоң мындай болбойт эле...

- Колумдан келсе кана Гүлжигит, мен эмне өзүм төрөбөй жатыптырмынбы? - Кундуз күйөөсүнө нааразы боло карады.

- Балдарым ай, дагы баштадыңарбы, тынч жашасаңар боло? - деди сырттан кирген Орунбү уул-келининин чукулдашып жатканын көрүп, - Мен болсо картайдым, силердин ынтымактуу жашаганыңарга көзүм жетип, көңүлүм тынып, көзүм өтсө да тынч жата турган болсом экен.

- Капаланбачы апа, мен жөн эле келиниңди бир уул же кыз төрөп берсең боло эле дедим, - Гүлжигит апасына күлө карады.

- Эми балам, кудай деген кур калбайт деген эмеспи, Султанды берген кудай дагы берээрин унутпасын, муну деле кыйнай бербе садага, колунда эмес да.

- Макул - макул, кудай деп тура берейин ээ? - деп чыгып кетти.

- Апа, Гүлжигит көптөн бери ичип жүрөт, айтпайын дедим эле, бирок сизден кантип жашырам, ичип келген сайын төрөбөйсүң деп айтып жатат, өзүңүз айткандай колумда болсо кана...

- Эмне кылайын кызым, аныкы да туура, ким балалуу болуп маңдайы жарыла кубангысы келбесин?

- Мен эмне кылышым керек, сиз мени туура түшүнсөңүз ажырашып алсак кандай болот?

- Кой балам, эрте-кечи жок, төрөгөн аял төрөйт, кудайдан тилен айланайын, кудай кулум десе берээр...

- Билбейм-билбейм, эмне кылаарымды билбей да калдым, ушинтип сары санаа менен өткөн күн курусунчу! - деп Кундуз ыйлап ийди, - Кудайдын куттуу күнү мээмди жейт да турат, сизди капа болбосун деп аяп айтпай ичимден сызам, Султанды болсо көрөйүн деген көзү жок апа, мен ошол бала деп жашап келем, ал болбосо баягыда эле өзүмдү-өзүм өлтүрүп салмакмын!

- Сабыр кыл садагаң кетейин, - Эне алсырай үн катты. Кечинде дагы Гүлжигит кызуу келди, Кундуз Султанды уктатып жаткан:

- Чоңоюп калган баланы жөн эле эркелете бересиңби? - деди кыртышы сүйбөй.

- Азыр жаш го, уктатып койдум, ысык тамак ич, - деп Кундуз ага карады, - Кечке иштеп чарчап, кардың ачкандыр.

- Кардым ток! - деп бурк эте костюмун ыргытып диванга жатып алды.

- Макул, ичпесең ичпе, карын өзүңдүкү, же бир жерден тамактанып алгандырсың? - деп чыгып кетти. Ал чыгаары менен Гүлжигит туруп барып уктап жаткан Султанды саамга тиктеп турду да жанындагы жаздыкты алып колу калтырай баланын жүзүнө жапты, бала заматта тыбырчылап жатса да колдорун кармап жаздыкты күч менен басып турганда Кундуз кирип келе жатып бакырып жиберди.

- Султа-ан! - жетип келип Гүлжигитти түртүп ийди, - Бул эмне кылганың, Султан, Султан айланайын балам! - деп колу-буту шалактаган баланы жаакка койгулап, жулкулдатып жатканда Орунбү эне ич кийимчен кирип келди:

- Эмне болду балам?

- Баламды өлтүрдү, өлтүрдү апа Султанымды!

- Ким кокуй? - деп ал да келип баланы колуна алды, Султандын өңү көкмөк болуп кетиптир, Орунбү эне төшүн ушалап оозунан үйлөп кайра-кайра көкүрөгүн ушалап жатканда араң терең дем алып жөтөлүп ийди:

- Каралдым менин, мындан ары бул жерге бир мүнөт дагы турбайбыз, сени алып кетем уулум, - деп өпкүлөп ыйлап жатты Кундуз, Гүлжигит болсо бая Кундуз кирип келип баласына каралап калганда эле чыгып кеткен.

- Капырай, Гүлжигит ушинттиби? - Эне делдээ келинине карады.

- Ооба, анан ким ошентмек эле апа, мен докторго алып барбасам болбойт, көрдүңүзбү кандай акыбалда экенин? - деп уулунун абалын көрүп жүрөгү сыздаган Кундуз кийинтип жаткырып өзү кийине баштады, Султандын абалы чынында кыйын болуп турган, зорго дем алып жүзү бопбоз болуп кеткен.

- Караңгыда кантип барасың, тиги догдур Асекти чакыра койсокпу балам? - Орунбү эне кийинип сыртка чыкты. Кундуз кийинип алып уулун алдына алып отуруп ыйлап жатты, ошол учурда Гүлжигит кирип келди эле ал уулун жылаандан балапанын коргогон чабалекейче чыркырап ийди:

- Тийбе балама, балам сага эмне кылды, жолобо дейм!

- Кундуз, антпечи бай болгур, - деп Гүлжигит тизээлей калды, - Кечир мени, өзүмдү билбей калдым, экинчи мындай болбойт.

- Сүйлөбө Гүлжигит, жүзүң курусун сенин!

- Жок-жок, мени күнөөлөбө, врачка өзүм алып барайын.

- Кереги жок, андан көрө карыган апам караңгыда врачка кетти, жыгылып калбасын кабар ал!

- Макул, - деп Гүлжигит эшикти карай кетти, Кундуз үйдөн алар келгенче качып чыгып кетмек болуп керектүүлөрүн алды да пальтосун кийип алып үйдөн чыгып дарбазага жеткенде Орунбү эне Асекти ээрчитип келип калды.

- Кайда жөнөдүң балам, мына Асек балам көрсүнчү, - деп айтканда аргасыз кайра кирди.

- Баланын өпкөсүнө аба жетпей кысылып калган, ооруканага алып баруу керек, мен азыр керектүү укол-дарыны берем ичирип койгула, - деди да укол сайып тамырын көрүп кайра кетти, эртеси ооруканага алып барган жок, Орунбү эне жибербей койду, Султан ойноп калган. Кетем дегени менен кете албады, көз кырын баласынан албай саксактап турат, Гүлжигитке биротоло көңүлү муздап калган: "Качып кетейин, эми таап көрсүн", - деп ыңгайлуу күндү күтүп даярданып жүрдү, бир күнү Орунбү эне:

- Ээ балам, Султан бешке толо электе отургузуп коелу, сүннөткө отургузбасак күнөө болот деди.

- Эчтеке эмес, кийин деле отургузабыз, - деди Кундуз көңүлсүз.

- Кой айланайын, устага айтып ийдим, эртең шаршемби, боорсогуңду даярдай бер, тоодон деги мал келип калды, бир козуну союп отургузуп коелу, - деп болбой койду.

- Апа, убара болбоңузчу, - Кундуз баласын отургузуп койсо кете албай калам деп коркуп турду, көлөкөдөй болуп Гүлжигиттин караанынан коркуп калган, Орунбү укпай чыгып кетти, ал эптеп Кундузду төрөп калаар деген үмүттө кетиргиси келбейт. Шаршемби күнү алар козу союп Султанды отургузушту, жакын туугандары менен коңшулары келип көптө тарады. Баягы бойдон Гүлжигит менен Кундуз бири-бирине сүйлөй элек, канчалык жакындаган менен Кундуз жолотпойт. Бүгүн дагы эл тарагандан кийин:

- Кундуз, канчага чейин мени кекетесиң, болбодубу эми, - деди.

- Өзүңдү жакшы иш кылдым деп ойлойсуңбу?

- Ооба, мен туура эмес кылдым, акылымдан адаштым, бирок Султан жакшынакай эле го...

- Эгер бирдеме болсо мен сени ошого кошуп коймокмун, сен мени оңой аял деп ойлобо, алты жылдан бери капканга салгандай кармап жүргөнүң жетет, - деди Кундуз.

- Ошондой де, демек балаң үчүн мени курмандыкка чалууга даяр экенсиң да? - Гүлжигит Кундузду кекете карады, - Менин сага деген сүйүүм түккө турбайт дечи?

- Ооба, мен азыр баласын коргогон чабалекеймин, жарадар жолборсмун!

- Эх-ей, укмушсуң го? - Гүлжигит кыжырлуу карады.

- Сени менен акыйлашкыдай убактым жок, баламдын кашында болуум керек, - деп үйгө кирип баратканда Гүлжигит аны жетип карыдан алды:

- Менден төрөп анан ушинтсең макул элем, талаадан таап келген никесиз балаңды коргогонуң мага жакпайт! - деп өзүнө тартты, - Айтчы, мени жек көрөсүңбү?

- Ооба, итти жек көргөндөй!

- Ошондой экен да, мен сенин сулуулугуңду уруп ойнобойм. Эгерде мага төрөп бере албасаң балаң экөөңөрдүн тең күнүңөрдү түнгө айлантам! - Бир колу менен жаакка чаап жиберди.

- Аа-ай! - деп жаагын баса кыйкырып ийгенде Султанды карап отурган Орунбү эне чыга калды:

- Эмне болуп кетти?

- Гүлжигит мени өлтүрөм дейт апа, мына чаап ийди, кандай кылсам кутулам деги? - деп атайын долулана кетти Кундуз, - Мени кечире гөр апа, кеткенге уруксат берчи?

- Долуланбачы, балам-балам, балам эле дейсиң, деги башка сөзүң жокпу, менин дагы абалымды ойлоп койбойсуңбу? - деди Гүлжигит ачуулуу.

- Болду, муну балалуу карга дейт, мен дагы сени канатыма калкалап жүрүп чоңойткомун! - деди уулуна ачуусу келген Орунбү эне.

- Сен мени никесиз төрөгөн эмессиң! - деп ары карап кетти Гүлжигит.

- Бас жаагыңды!

- Апа, менин күнөөм кайсы, же мен тукумсузмунбу, жолдон түйүп келген баласын карайт, а менден төрөгүсү да келбейт!

- Унчукпа, эми экөөңдүн тагдырыңды өзүм чечем, - деп Кундузду колунан алып ичке киргизди, - Кундузду өз жолуна жөнөтөлү да сага төрөй турган аял алып берем! - деп айтып турганда босогодон бир эркектин карап туруп боюн тартып кеткенин көрүп калды, - Көлөкөдөй болуп аңдып турган ким? - деди да дарбазаны көздөй басты, ал чыкканда ал караан узап бараткан эле...

Ал Дуулат болчу, көптөн бери акмалап жүргөн, эмесе ал жөнүндө азын оолак кеп кыла кетели. Дуулат кереметтүү Ыссык-Көлдүн Түп районунан болот, жашы отуз үчтөрдөгү жигит. Ата-энеси ал бешке чыкканда кырсыктап катары менен кайтыш болуп атасынын бир тууганы Келгенбайдын колунда калган, өзүнүн эки баласына кошуп багып жүргөндө аялы Зуура аны жекирип, көп урчу болду, Келгенбай өтө жоош адам эле.

- Ушул шүмшүк келгени ишибиз артка жылды, бармактайында ата-энесин жуткан жалаңкычты балдар үйүнө жеткирип салчы деги, - деди бир күнү.

- Кой, бир тууганымдын баласын кароосуздардын үйүнө кантип таштайын, бала эмеспи Зуура, зыяны деле тийбес.

- Зыяны тийбейт деп айтканын кара, чоңойсо чоң ичет, чоң кийет, өз балдарымды зорго багып жатканда көрүнчүдөй муну алып келип алат, - деп алкылдап жатты Зуура.

- Чоң ичип, чоң кийсе жардамы да чоң болот.

- Кыйраттың, - деп кекете оозун түйрүп койду, Дуулат Канатбектен кичүү, Муратбектен улуу, үчөө аталары бир тууган болгондуктан абдан окшош эле, бир тууган десе болчудай, Зуура канчалык аны жээрип каргап шилегени менен балдар ынтымактуу, Дуулат жокто Мурат менен Канат тамак жебейт, алар жокто Дуулат дагы отура албайт. Аны көрүп ого бетер жини келип каргап жатканда:

- Апа, Дуулатты жаман көрбөсөң, ал деген биздин тууганыбыз да, - деди Канатбек.

- Ооба, ошол силерге бир тууган болуп жыргатат.

- Ата-энеси өлбөсө ал биздикинде жүрбөйт эле да.

- Болду, сабагыңды оку! - деп баласын зекиди Зуура.

- Апа, биз Дуулатты жакшы көрөбүз, - деп Мурат дагы дердейди.

- Баргылачы, дегеле тууганчылын, - Зуура ары басып кетти, анткени суу алып келбейсиң деп Дуулатты уруп койгондо ал үй артына барып ыйлап жаткан.

Ыйлап-сыктап Дуулат, бешинчи класска келип калган, Канатбек жетинчи класс, Муратбек үчүнчү класста, Зуура бир күнү ичим деп жатып эле эртеси ооруканага барып бу дүйнө менен коштошуп кете берди. Келгенбай элүүдөн ашканда үч бала менен үйдө жалгыз калды, балдар чоңоюп калгандыктан анда деле кыйналбайт, кийимдерин өздөрү жууп, эптеп тамак жасап ичишет, камырды Келгенбай жууруп берсе бышырып алышат, арадан дагы төрт жыл өткөндө куданын кудурети, Келгенбай үйүндө отурган жеринде көз жумду. Анын өлүмү үч балага оор тийди, Канатбек онду бүтүп калган, айылдагы туугандары аны совхозго киргизип жумушка орноштурду, Дуулат онунчу классты бүтүрбөй эле бир агаларынын тракторуна жардамдашып жүрүп айдаганды үйрөнүп иштеп калды, экөө биригип Муратка тамак-аш, кийим-кече алып берип окутуп жатышкан. Бир күнү алар кечинде тамактанып отурушса түрмөдөн чыгып келген Мыктар кирип келди:

- Ийи балакайлар, кандайсыңар? - деп эки колун чөнтөккө салып туруп калды.

- Келиңиз, - деп чоңураактык кылып Канатбек тура калды.

- Жүрү, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деп Канатбекти далыга таптап сыртка алып чыгып кетти. Ошондон кийин алардын бир бөлмөсүндө беш-алты эркек менен эки-үч кыз пайда болду да калды. Түнү менен карта ойноп арак ичип чыгышат, кээде мушташып да кетишет, андайда Мурат менен Дуулат коркуп чыгат, Канатбек:

- Коркпой эле койгула, бизге тийбейт, - деп тынчтандырып коет.

- Мен коркпойм, - Дулат компоет, - Мурат эле коркпосо.

- Канат байке, сен макул болдуңбу, киргизбей эле койсоң болмок, - деди Муратбек.

- Мурат, биз ата-энебиз жок алсызбыз, болушаарыбыз жок, мен макул болбосом деле кирип алышмак, андан көрө унчукпай макул болгонум жакшы эмеспи, - деди Канатбек башын жерге сала.

- Совхоздогу милицияга айтсакчы, балким директорго айтсак бизге тийгизбей кармап кетишээр, - деди Дуулат.

- Мыктар мурда киши өлтүрүп камалыптыр, өчөшүп калса кантебиз, бизди ошол учасковый менен директор кайтарып турмак беле? - деди Канатбек күңкүлдөй, - Алтымыш төртүнчү жылдары Зарлык деген түрмөдөн качып ар жерде качып жүргөн убакта ушул Мыктар дагы ошондон көрөт деп бир койчунун короосуна кирип кой уурдап жатканда койчу чыга калып көрүп койсо аны өлтүрүп кетиптир да, атам айткан.

- Зарлык деген тоноп өлтүрчү бекен?

- Жок, аны жаманатты кылгандар көп болуптур, мал жоголсо, бирөөнү өлтүрүп кетсе эле Зарлыктан көрүшчү экен да.

- Аа-а, ал Зарлык эмнеге түрмөдөн качты экен?

- Ал жалган жерден камалып ошону далилдемек болсо керек.

- Далилдептирби анан?

- Билбейм, - деп жатып уйкуга киришти, эртеси жаан болуп үйдө болуп калган Дуулатка Мыктар акча берди:

- Бар балакай, арак алып келе кал.

- Макул, - деп жөнөп арак алып келип калган акчасын берди.

- Оо азамат, так жүрөсүң го, акча кымтыган жоксуңбу?

- Эмне кылам бирөөнүн акчасын, өзүм иштеп табам.

- Аз-замат, - Мыктар ойлуу бөлмөгө кирип кетип кайра чыкты, - Дуулат, жүрү карта ойногонду үйрөтөм.

- Кереги жок байке, мен карта ойноп көргөн эмесмин, - деди чакылдаган Дуулат.

- Сен балакай, жүнүң тирүү экен, бат эле үйрөнөсүң.

- Үйрөнүп эмне кылам?

- Карта ойногонду билсең сенин үйүң да, аялың да, байлыгың да болот, кыскасы өкүнбөйсүң.

- Үйүңүз болсо жетимдерди басып албай үйүңүздө ойнобойсузбу?

- Ом-мээй, мына бул жубарымбекти кара, - деп Мыктар кызаңдай карады, - Сен өтө тыңсың го, ошондуктан сага карта ойногонду үйрөтөм, үйрөнбөсөң карап отур, - деп желкесинен кармай өздөрү отурган бөлмөгө алып кирди, - Бу жигит менен таанышып койгула, менимче бул бир кезде аман жүрсө "крим дүйнөнүн бир жагын чоет", - деди каткыра. Дуулат он беш, он алты жашта болсо дагы "крим дүйнө", - дегенине түшүнбөдү, бирок мактаганына корсое мандаш токунуп отуруп калды. Ошондон баштап ал кызыга баштады, кычыраган кыш болчу, Дуулат карта ойноп чын эле акча утуп алчу болду, андан кийин ал жумушту таштап алар менен карта ойной баштады, Канатбектин кой дегенине болбоду. Бир күнү көп акча утуп алды, ал үч жүз сом, аны кекете караган Үрүстөм деген неме арак кыстап кирди.

- Мен ичпейм! - деген Дуулат, - Чычалабай ойноңуздар.

- Эгерде жеңилсең ушул үйдү бошотуп кеткенге макулсуңбу?

- Жок, анткени бул үй Канатбек байкемдердики, менин тиешем жок.

- Сен эмне никесиз төрөлгөнсүңбү? - деди мазактай карап.

- Оозуңузга карап сүйлөңүз, менин ата-энемди баары билишет.

- Никесиз болбосоң ата-энеңден калган эчтеке жокпу?

- Үйүбүз бар, бирок ага эч ким кирбей турат, чоңойсом барам да.

- Дегеле кыйынын, алып кел уткан акчаңдан аракка бер! - деди Үрүстөм атайын тирелише, - Тамакка да кетет.

- Баарыңар чыгаргыла, анан берем.

- Кой Үрүстөм, баланы тим кой, - деди Мыктар.

- Эмнеге, муну "секиртип" тим коелубу? - деп кекирейди Үрүстөм, - Эгер никесиз туулбаган адал кандуу бала болсо сөзгө көнсүн.

- Эмне деп жатасыз? - деп Дуулат чырымтал үнүнүн барынча чыгарып дасторкондо турган бычакты ала койду.

- Ай кой, - деп бир келин аны кармап калды, ошондо жини келген Үрүстөм.

- Ушу арам жетимден келгенди көрдүм, ата-энесинин жанына жаткырып салайын, - деп жулунганда Мыктар кармап калды.

- Кана, кел же сен же мен! - деп Дуулат дагы жулунуп жатканда Мурат кирип келди:

- Дуула-ат! - деп кыйкырып ага жабыша калды, - Бас кеттик!

- Энеңдурайындарды жоготчу! - деди Үрүстөм, ал өтө эле мас болчу,

- Сен жогол, эгерде дагы келсеңер өлтүрөм! - деди Дуулат.

- Мени сен өлтүрөсүңбү? - Ал сөөмөйү менен өзүн көрсөтө тура калды, - Ушу сенин колуңдан өлсөм көрөйүн, - деп келе жатканда Дуулаттын колунан бычакты Мурат ала койду, жулунуп келе жаткан Үрүстөм төшөлгөн таарга чалынып үстөмөнүнөн жыгылып Муратты баса жыгылды эле анын колундагы бычак анын дал жүрөк тушуна кирип, сабы күч менен Мураттын ичине сайылып калыптыр. Үрүстөм ошол эле жерден жан берди, Мурат ынтыгып көзүн аңтарып жатып калды, Канатбек жок эле, ошол убакта кирип келди, Дуулат Мураттын башын кучактап бакырып жаткан.

- Мура-ат, эмне болуп кетти? - деп Канатбек дагы аны булкулдата баштаганда тигилер чыгып кетишти. Үрүстөмгө эч ким карабады, чырылдаган экөө эсине келе калып Канатбек көтөрүп жөнөдү, бир топ алыс, айылдын ортосундагы ооруканага алып барып киргизгенде аны врачтар шашыла карап калышты. Көрсө Мураттын төшүнө такалган бычактан жүрөк кысылып калыптыр, жасалма дем алдырып, уколдорду жаадырып сайып жатып жүрөгү какканы билинди.

- Жаман эмес, буйруса үмүт бар, - деди врач терең дем ала, ыйлап күтүп турушкан Канатбек менен Дуулатка карап.

- Рахмат байке, - деп экөө тең жарыша айтышты, - Кирип көрсөк болобу?

- Жок, ал азыр эстеке билбейт, катуу жыгылган.

- Ооба, - деп ийди Канатбек озуна.

- Дагы жакшы, жүрөктү жарып кетмек, кийими сактап калган.

- Аман калабы деги? - Канатбек кайра дагы тактай сурады.

- Кубана бер балам, буйруса аман калды.

- Рахмат байке, - Дуулат врачтын колун өөп алды да жүгүрүп кайдадыр жөнөдү.

- Кайда барасың? - деген Канатбектин сөзүн дагы уккан жок. Ал милицияга барды, болгонун айтып үйүнө ээрчитип келди, Үрүстөмдү алып кетип калышыптыр, бирок аккан кандын уюганы турат, ичкен арактын бөтөлкөлөрү, чылымдын калдыктары турган. Участковый Мыктарды тез эле таап, анын айтуусу боюнча Үрүстөмдүн үйүнө барып анын кандай болуп өлгөнүн териштирип акыры келип Дуулатты сураганда толук болгонун айтып берди. Ошентип алар Мураттын ооруканага кандай түшкөнүн далилдеп акыры жашы жете элек балдарды коркутуп аларга көрсөткөн кысымдарын эске алышты. Мурат он беш күндөй жатып сакайып кайткандан кийин аларды мындайыраак тууганы Байкашка тоого алып кетти, ал койчу болчу, Совхоздун директоруна айтып бирин жардамчы кылып жаздырды да экөөнү карамагына алып алды. Дуулат мал кайтарып жүрүп качып үйүнө баса берди, анын классташтары келип:

- Дуулат, өйдөңкү айылдын балдары менен беттешебиз сен барасыңбы? - деди Айбек.

- Барам, эмнеге барбайм.

- Анда эмки дем алыш күнү айылдын этегинен жолугабыз.

- Макул, - деп үйүндө жалгыз жатса Мурат эртеси келди.

- Сен дагы качып келдиңби? - деди ага Дуулат.

- Жок, кетем деп айтып баса бердим, аялы кагып силке берет экен.

- Канатбек калдыбы?

- Ал жардамчы койчу да, айлык алат.

- Чын эле, эми экөөбүз эмне кылабыз?

- Билбейм.

- Эмесе мындай, тооктордон бирди союп эртең тамак жасайбыз.

- Макул, - Экөө унчукпай жатып калышты, эптеп жашап жүрүшкөндө Канатбек түндөп экөөнө тамак-аш алып келип берип кетти. Дем алыш күнү топ балдар чогулуп беттешкенде уруш башталды, адегенде жекеге чыгып, андан кийин эки-экиден мушташ башталды. Ошондо бири маки алып чыгып бирөөнү саймак болгондо Дуулат колун кайрып макини алам деп бирөөнү сайып алды. Ызы-чуу түшүп кээси качып кетишти, жарадар баланын ата-энесине жеткирген экен алар милиция менен келип алып кетишти, ошентип Дуулат он алты жашында түрмөгө түштү, анын тагдыры ошол күнү бир башкача дүйнөгө бурулганын сезген жок, соту болуп түрмөгө кетип жатканда Канатбек менен Муратбек ыйлап коштошту.

- Бизди унутпа, адам болоорбуз, өзүңдү тосуп алабыз, - деп Канатбек кучактап кое бербей турду, - Сөзсүз кайрылып келгин.

- Бизди унутпа Дуулат, биз бир тууганбыз, - деди Мурат дагы ыйлап. Дуулаттын жашы он сегизге толо электигине байланыштуу жаш балдардын колониясына алып барды. Андан кийин зонанын ичинде көп өтпөй эле: "Бала арстан", - деген атакка жетти, аны "пахан", "Кара курт" ишенимдүү адамы кылып алды, жети жылга кесилген Дуулат төрт жылда эркиндикке чыгып "общягаларды" жыйып өзүн тааныштырды, алар ага баш ийип ичтегилердин "аманаттарын" аткарып жүргөндө ага бир тапшырма болуп аны аткарып жатып колго түшүп кайрадан камакка отурду. Бирок ага буйрутма берген, "чиновник" аны бир айга жеткирбей чыгарып алды, ошентип ал бир жаңылыштык кылган жаштыгынын бир көз ирмеми гана эсинде калды, кийин Канатбек менен Муратбектерге бара алган жок. Болгону өзү бирөөнүн кол жоолугуна айланып жашыруун иштерди аткарган: "Темир", адамга айланганына өкүнүп кетет. Балалыгынын балдай таттуу убагы дагы томсоруп мээримден тыш өскөнү, кагуу-силкүүнү ичкен ашындай ашаганы да эсинде. Арадан он жыл өтүп кеткенде аны "Кара курт" чакырып алып Россияга чейин тапшырма менен барып ошол иш менен алектенип белгилүү мүмкүнчүлүктү күтүп отуруп үч жыл өтүп кетти. Үч жылдан кийин "тапшырмасын" так аткарып "Кара курттун" маңдайында отурду:

- Салам "босс", - деди ийиле калып Дуулат.

- Оо кел-кел Бала арстан, тапшырманы ойдогудай аткардың, ал үчүн сага сыйлыгым бар, - деп карс-карс күлүп "Кара курт" Дуулатка кайрылды, - Бул ачкыч сен калкалай турган "чатырдыкы", ал эми бул "тачканыкы", эми барып эс ал, - деди да жанындагыга ымдады эле чакан дипломат алып келди, - А бул сенин эс алууңа каражат, - деди.

- Рахмат "босс", анда мен кеттим.

- Бара бер "бала арстан", - деп колун көтөрүп башын ийкеп койду. Дуулат дарек боюнча адегенде үйдү көрдү, ал үй өзгөчө салынган үй экен, бирок ал ага барбады, эс алып ресторандарда, кафе барларда, оюн-зоок өткөн жерлерде жүрүп кокусунан Кундузду жолуктурган болчу. Ошол тушта Кундуз такыр макул болбой жүрүп эки-үч ай өтүп кетип кайрадан буйрутма келип калган эле, ошол "ишин" аткарган Дуулат: "Болду, мен эми өз жашоом үчүн кам көрүшүм керек", - деп ойлонуп Кундуз менен сөзгө келгенде анын иши кыйчалыш болуп мурунку иши козголуп издөөдө болуп калды. Аны "Кара курт" эскертти, берген акчасына ичи күйгөнбү ал кайрадан бир тапшырма бермек болуптур. Бирок ага "кара курт": "Эгерде эми сен анын колуна илинмек турсун көзүнө көрүнсөң өзүңдү курутат, этият бол", - деди. Ошондуктан үйүнө барбай батир жалдап жашап калды. Өз изин жашыруу үчүн өзүнүн пасспортун чоочун адамдын өлүгүнө айланып моргдогу бир адамга жетишээрлик акысын төлөп качып кеткен. Ал Америкада беш жылдай жүрүп өңүн өзгөртүп анан келген. Эми анын аты дагы башка: "Бурканов Заирбек", - деп гана өзгөртүп койгон, бир айдан бери издеп жүрүп Кундуздун дарегин таап бүгүн анын жашоосунда эмне болуп жатканын билди да: "Мен сени бул жерге калтырбайм, контужин күйөө сени кордоп коет", - деп артын карай бурулуп кетип жаткан болчу. Ошондон баштап ал күн алыс алардын үйүн акмалачу болгону бир гана өз баласын ачык биле алган жок. Орунбү эне кээде ал чоочун жигитти байкап калчу болду: "Бул ким болду, балакет басып Султандын атасы ушул болуп жүрбөсүн, аны Кундуз билеби, же билбейт болду бекен", - деп ойлонуп Кундуздан суроодон тартынат, зорго кармалып турган келини кетип калса уулунун эмне болоорун сезет эне. Бир күнү жолдун жээгинде турганда Гүлжигит келип калды, унаасын токтотуп жатып жол боюнда турган чоочун адамды көрүп басып барды:

- Ас-салоому Алейкум!

- Аллеким Салам.

- Бул айылдык эмес экениң көрүнүп турат.

- Туура баамдадың досум, - Дуулат күлүп койду.

- Бул жерде турганыңа жол болсун?

- Кыргызда бей таанышка мындай осол суроо берилчү эмес эле.

- Кимдикине келдиң эле, же бирөөнү күтүп жатасыңбы?

- Ошондой десе да болот, - Дуулат Гүлжигитти тике карады, - Сиз бул айылга келгендерди тескеп турасызбы?

- Чоочун экениңди көрүп сураганыңды таап берейин дедим.

- Аа-а, мен жүрөгүмдү жоготкомун таап бере аласызбы?

- Андай болсо жашооң менен коштошо бер! - деп Гүлжигит басып кетти, ал кыжаалат боло үйүнө кирди, - Эмне эле мага түз карабай жүзүңдү үйрүйсүң? - деп ары карап турган Кундузду жекирип кирди.

- Келсең эле ызырынып турсаң сага ким карайт?

- Аа, анда бирдемеден кабарың бар го?

- Эмнени айтып башты оорутуп жатасың?

- Балаңдын атасы келгенби дейм да...

- Эмне? - Кундуздун өңү өзгөрө түштү, - Өлгөн неме келчү беле, ушунча дагы кара мүртөз болосуңбу? - Көздөрүнө жаш толо түштү.

- Билмексен болбо, жүрү эшикке, - деп карысынан аткый кармап сыртка жетелеп дарбазанын эшигин ачып дагы эле турган жигитти көрсөттү, - Карачы тигини, ал сенин "секрет" жашаган ойношуң эмес беле?

- Гүлжигит, сен жинди болдуңбу, мен аны тааныбайм, Султандын атасы өлбөгөндө сага кор болмок эмеспиз! - деп колун булкуп алып үйдү көздөй басып кетип баратканда кайра кармап калды:

- Мен сени кордодумбу, эгерде тигил арам сийдигиң болбогондо биз бактылуу болмокпуз, аның чекеге чыккан чыйкан болду го?

- Асылба балама, дагы ушинте турган болсоң милицияга арыз жазам, - дегенде ошол жерден эле чаап, жыгылып баратканда тээп жиберди.

- Апа-а! - деп Кундуз кыйкырганда Орунбү чыга калды.

- Кокуй күн ай, деги тынч жашай аласыңарбы? - деп Гүлжигитти ары түртүп Кундузду өйдө кылганда Гүлжигит аны колунан тартып үйгө жетелеп кирип кетти:

- Сен мени каматасыңбы же ажырашасыңбы? - деди чакчая карап.

- Ооба, ажырашам! - Кундуз тилин тартпады.

- Мен сени бул үйдөн тирүү чыгарбайм, - деп тепкилей баштаганда Султан чыркырап түшө калды, Орунбү эне дагы ортосунда, - Бар, энеңди урайын арам сийдик! - деп баланы түртүп ийди.

- Тийбе балама! - деп Кундуз Султанды корголой басып жыгылды, - Балада эмне күнөө?

- Ошол адал бала болгондо артынан бала ээрчитип келет эле го, мен баласыз өтөмбү? - деп Кундузду колунан алып ары ыргытты да Султанды көтөрүп ары ыргытты.

- Апама тийбе, эмнеге апамду урасың? - деп ыйлап жатты Султан.

- Жап оозуңду нокотек, кара жолтой! - Аны башка чаап ийгенде бала бакырып жиберди, бирок апасына жармашып:

- Тийбе апама, мен сени жаман көрөм, жек көрөм! - деп мурдун тартып ыйлап жатканда Орунбү:

- Куураган неме экенсиң го, тур биякка, соо туруп жинди болгон сени көрдүм, ургуң келсе мени ур, өлтүрсөң мени өлтүр! - деп Гүлжигиттин колдоруна каруусу жетпесе дагы түрткүлөп кирди. Гүлжигит апасын аядыбы сыртка чыгып кетти, ал ошол күнү келген жок, жакында таанышкан Гуля дегендин үйүнө кетти, аны менен таксистик жолдо бир айылга алып барып ошол жерде таанышкан.

- Кел, - деди ал Гүлжигитти көрүп, - Кандай шамал айдады?

- Катуу бороон болду, буюгуп кайда келгенимди байкабай сага туш келдим.

- Сулуу аялыңдын бороону ошончолукпу?

- Аныкы эмес, менин бороонум.

- Ох-хо, сенден этият болуш керек экен? - деп чоюштай келип эки колун мойнуна артты, - Чын көңүлүң менен келдиңби, бүгүн кетпейсиңби?

- Кетпейм, сага ыза болгондо, буулукканда келем, жанымды жыргалга бөлөчү, көңүлүмдү көтөрчү, - Экөө кучакташып ошол жерден эле өбүшүп калышты, - Мен абдан капамын, аялым экөөбүз көптөн бери эрди-катындай жата элекпиз.

- Сулуу аял суусундук, кылк этип жутуп коерго,

Жанында турсаң ажыдаар, оп тартып сени коет го? - деген Гүлжигит, сен мени эле алып алсаң болмок, көзүңдү карап гана жолуңду күтүп турат элем, - деди Гуля ага, экөө колтукташа орундукка отурушту.

- Мен ал аялды кетирбейм Гуля, сага үйлөнө албайм.

- Анда бороончо буюгуп өмүрүңдү өткөрө бер!

- Айла жок, - Гүлжигит туруп аркы-терки басып жатты.

- Кел, бирдеме ичеличи.

- Аа-а, мен ала келгем, машинада, алып келе калайын, - деп Гүлжигит сыртка карай чыгып кетти, Гуля ийин куушура карап калды: "Акыры меники болосуң, сулуу аялыңдан такыр көңүлүң калганда кайда бармак элең", - деген ойдо турду. Алар ошентип бири-бирине убактылуу жыргал, көңүл көтөрүү, рахат тартуулоо менен алек болуп жатканда түндөп Кундуз кайненеси уктаганда Султанды колунан жетелеп алып качып чыкты, алар сербеңдеп айылдын четине чыга бергенде кадим аларга боору ооругандай күн жаай баштады, ушул ала жаздагы түнкү суукка ичиркенип улам уулунун үстүн кымтылап коюп кетип жаткан караандардын артында акмалаган дагы бирөө баратты. Ал Дуулат эле, булардын урушун, Гүлжигиттин айткандарын бүт укту, түн киргенде ага жолукмак болуп турса уулун жетелеген Кундуз чыгып жөнөдү эле артынан түшкөн: "Бири чоң, бири кичине, ошол караандар өзүмө гана тиешелүү", - деген ойдо, бирок: "Менин Дуулат экениме ишенеби, кокус ишенбей ишим чатагына айланбаса болду", - деген күдүк ой менен баратканда айылдан бир топ алыстагы суунун боюна жетишти, Кундуз ошол жерден бир жаман ойго келди: "Мен Султанды таштап коюп тынч гана жашай берсем кантет, дагы бирөө багып алаар, тозоку жашоодон ушинтип кутулсам окшойт, ата-энем болсо киргизбейт", ушул ойго такала жээкке отуруп уулунун башын тизээсине койду, аны уктаганда таштап кетмек, экөөнүн тең кийимдери сыгып алма, жазгы кара жаанда чыйрыгып, ал турсун калчылдай баштады, баягы акча катылган пальтосу үстүндө: "Акчаң болсо да кээде дүйнө таар экен да", - деп тагдырына таарынып көз жашы башындагы жоолуктан сарыккан сууга кошулуп агып жатты. Бир кезде Султан уктап кетти эле: "Аргам жок, таң атып калды, бирөө жарым көрүп таап алаар, кечир мени уулум, жанымды ушинтип гана жай алдырбасам күнүм түнгө айланды, кечир кагылайыным", - деп акырын тизээсиндеги уулунун башын чөптүн үстүнө коюп акырын өйдө болду. Жүрөгүндө бороондуу бурганак удургуп эки-үч кадам басып артына кылчайды, бала былк этпеди, кайра арышын санагандай кете берди, аргамжы бою алыстай түшкөндө:

- Апа, мени таштабачы! - деген уулунун үнү угулду, тык токтоду, бирок артын карабады, - Апа, мени таштап кетесиңби?! - деген үн анын жүрөгүн зырп эттире көзүнүн жашы куюлуп турду, - Апа, атам сени мен үчүн урдубу, мен үчүн сени жаман көрдүбү? - деп туруп алып сүйлөп жатты, таңкы чыкыроон экөөнү тең калтыратып күндүн нуру чачырай баштаган, булар менен бирге артынан жүрүп кийими суу болгон Дуулат чоң түп дарактын түбүндө отура берди, анча алыс болбогондуктан алардын сөзү даана угулуп турду, Кундуз дале үн катпай тура берди, катып калган моло сыяктуу, - Апа, мен сени урган атамды жек көрөм, сени менен барбайм, бирок мени таштабачы апа, экөөбүз тең кетеличи! - дегенде буркураган Кундуз артына кайрылып жүгүрүп жетип уулун кучактап тизээлей калып үнүн барынча боздоп жатты:

- Сени таштабай калайын садагам, сенсиз мен өлүп калам, сени таштаганча өлгөнүм артык уулум!

- Өлөм дебечи апа!

- Ооба, сени таштабайм, жүрү кетели балам? - деп өйдө болуп колунан алды, - Жүрү уулум кеттик.

- Апа, каякка барабыз, атама барбай эле коелучу.

- Ага барбайбыз балам, башка жакка кетебиз, - деп жетелеп жөнөдү, бирок бала баса албады, анткени бүткөн бою калтырап баса албай жаткан, эти ысып күйүп кетиптир, коркуп кеткен Кундуз кучактап отура калды, - Уулум, ооруп калгансың го?

- Ооруган жокмун, калтырап үшүп жатам апа.

- Садагам десе, баары жакшы болот, - деп алдына алып отуруп алып кучактап бооруна кысып отуруп калды, өзүнүн деле абалы жеңил эмес болчу, кийимдери этине жармашып үшүтүп, эти ысып чыйрыга баштаган, туруп басууга дарманы жетмек эмес. Ошол убакта Дуулат алардын жанына басып келди:

- Жардам керек эмеспи карындаш?

- Эмне? - деп Кундуз башын өйдө кылып чоочун адамды карады, ал тааныш үндү уккандай болгон: "Мен жөөлүп баратат окшойм", - деп ойлонуп ийди, - Сиз кимсиз?

- Менин атым Заирбек, силерди түндөтөн бери карап турам, өзүнө бир кастык кылабы деп ойлодум, ооруп каласыңар, - деди да Дуулат асманды карап койду, - Күн дагы катуу жаады.

- Ал менин көз жашым... - деген Кундуз чоочун адамдан бир жылуулук издегендей: "Үнү тааныштай да, жо-ок, мен ооруп калдым", - деп ойлоно өзүн жоготуп баратты, бул кезде Султан дагы чабалактап онтолоп чылпылдап тердеп жаткан.

- Кундуз! - деген үн элдир-селдир эсинде калды. Дуулат жүгүрүп айыл ичиндеги таксиге жетип келгенче экөө тең жатып калган, шашыла таксиге салып ооруканага алып келди, экөөнүн тең абалдары өтө оор эле, врачтарга сүйлөшүп дары-дармегине төлөп коюп анан батирине келди, баса баягы Кундуз экөө жашаган бөлмөгө келип таппай калгандан кийин башка батир жалдаган, үйүнө болсо жалгыз баргысы келбейт, анда-мында көрүп келет, бирок ага барбайт. Батирине келип ойлонуп жатты: "Демек менин балам экен, боюнда барын билбедим да, билгенде эмне кылат элем, ар жак, бер жагым жалама зоо болуп турса кандай кыла алмакмын, Кундузду дагы кыйнадым, ал бала үчүн күйөөсүнө батпай калган тура, эми аларды мен эч кимге кор кылбайм, бирок саат сайын мени өлүм күтүп турат, маңдайыма ушундай жазылган тура, жок дегенде уулум менен Кундуз үчүн баарын жасап берип анан өлгөнүм жакшы, менден тукум калса мен өлбөйм", - деп жаткан жеринен тура калып бөлмөдө аркы-терки басып чылым чегип жатты, мындан ары дагы үй-бүлөөсүн жашырып жашоого туура келээрин сезди, эртеси барып үйдү сатыкка койду да унаа токтоочу жайдан машинасын айдап чыгып ооруканага келди, Кундуз көзүн ачып жаткан, Султандын абалы оор эле, этинин ысыгы түшпөй врачтар коркуп жатышкан. Дуулат кирип келгенде Кундуз аны көрүп:

- Сиз кимсиз? - деди башын көтөрө.

- Мен Заирбекмин.

- Тааныбайт экенмин... бирок...

- Көргөндөй болдуңузбу? - Дуулат жылмая карады, - Акыбалыңыз кандай карындаш?

- Негедир бул үндү уккандаймын.

- Кабатыр болбоңуз, үй-бүлөөңүз издеп жатса керек?

- Уккум келбейт, сиздин бир туугандарыңыз жок беле...

- Жок, жалгыз жетим баламын.

- Өкүнүчтүү...

- Сизчи?

- Үч эркек бир тууганым бар, эки агам, бир иним.

- Жалгыз кыз экенсиз да?

- Ооба, баламды биле албадыңызбы?

- Көрдүм, эки өпкөсүнө суук тийиптир, жүрөгүндө дагы бар деди го, - Дуулат Кундуздун аяк жагына отурганда ал бутун ары тартып алды.

- Тура албай жатам, уулумду көрсөм болот эле.

- Кабатыр болбоңуз, мен өзүм карап турам.

- Сизге рахмат, сиз болбосоңуз ким билет, уулум экөөбүз тең...

- Менин милдетим, - деди Дуулат анын көздөрүнө тигиле.

- Сиздин үнүңүз... көздөрүңүз... - Кундуз башын көтөрүп келе жатып көзү караңгылап өзүн жоготуп койду, ал бозоргон туманды аралап баратып: "Кундуз!", - деген үндү укту, элеңдеп кетип үн чыккан жакка кете берди, улам атын кайталаган үн бир кезде жанынан угулду, кечээги улуу экөө кучакташып отурганда отура калып "Кундуз" деген чоочун адамды көрдү: "Сен кимсиң?", - деп сурай берди, ошол кезде дагы Дуулат:

- Кундуз, Кундуз сага эмне болду? - деп өзүн карыдан ала булкулдатып жатыптыр, көзүн ачып:

- Сиз мени кайдан тааныйсыз? - деди көзүн бакырайта.

- Жок-жок, тааныбайм, историяңыздан окуганмын, - деп эңкейип отурган, жүзүнө тигилген адамдын жыты бур дей түштү, көздөрү тааныш учурап жүрөгү болк этип:

- Кетиңизчи, кетиңиз дейм! - деп бакырып башын кучактап калды, Дуулат унчукпай турду да:

- Кундуз, өзүңө карачы, ооруп жатасың, акыбалың начар, - деди акырын гана, - Ден-соолугуңузга караңызчы, - деп колун көтөрө бергенде анын колундагы тааныш күмүш шакеги менен алтын жалатылган сааты көзүнө көрүнө түштү.

- Деги сиз кимсиз?! - деп жиберип кайрадан эсин жоготту, ал бул жолу дагы баягы үндү угуп барып кайра эле Заирбекти көрө берди, кыйналып кара терге түшүп жатканда врачты чакырып келди Дуулат, врачтар тегеректеп жатканда Дуулат балдар бөлүмүнө барып Султандын палатасына кирди, анын этинин ысыгы түшпөй дагы эле жөөлүп жаткан.

- Апа, апа мени таштап кетпечи! - деп алдастаган баланын жанына отуруп колунан кармалап жүзүнө тигилди, кирпиктери төгүлүп каштары капкара, мурду куюлушуп Кундуздун өзүнө окшош эле: "Өзүнө окшош экен, бир гана чекеси, ээги менен чачы мага окшоп турат", - деп ойлонуп чекесинен өөп:

- Уулум, апаң сени эч качан таштабайт, мындан ары мени менен бирге болосуңар, эч качан силерди суук көздөргө бербейм, - деди күңгүрөнө, - Уулум менин...

- Сиз чыга туруңуз, биз баланы текшерип укол куюшубуз керек, - деди сестра кирип келип.

- Жарайт, кандай дары-дармек болсо да алып келем, жакшылап карай бериңиздер, - деп врачка жолугууга жөнөдү Дуулат. Оорукананын айланасында басып жүрүп кардынын ачканын сезип ашканага барып тамактанмак болуп кафеге кирди, аны ошол жерден бирөө карап турганын көрдү, дароо сезди: "Каракуттун" жигиттеринин бири экенин: "Демек ал мени соо койбойт, Америкадан келбей коюшум керек эле, бирок аяктан дагы тынчытпады, канаты жайылып бардык жерде адамдары бар, аны менен жөн гана ынтымакка келишим керек", - деп ойлонуп тамакка буйрук берди, ошол кезде жанагы адам анын жанына келип отурду:

- Куш келипсиз, "бала арстан", - деп кытмыр жылмайды.

- Кушубак бол, - деди Дуулат, - Бала арстанды өлдү деп уккан элем.

- Ооба, ал өлгөн, бирок элеси гана, тулкусу эсен экенин жакшы билебиз.

- Ошондойбу?

- Ошондой, - Эңиле жүзүнө тигилди, - Каракурттан качып кутула албасыңды билесиң, кол куушуруп саламдашсаң баарын кечирет, - деди да туруп баратып кайрылды да, - Ал сени "бала арстан" менин баламдай деп ишеним артып жүрсө сенин минткениң болбойт, - деп сөөмөйүн койкоңдото булгап күлүп коюп басып кетти. Дуулат эмне кылаарын билбей отуруп тамактанды да кайра ооруканага келди, ал келгенде Кундуз туруп отуруп чай ичип жаткан.

- Кандай, түзүксүңбү? - деди Дуулат, аны жалт карап алып жүзүн буруп кетти.

- Сизден корком, келбеңизчи деги?

- Кундуз жаным, - дегенде кайра жалт карады.

- Кимсиз, жүзүңүз чоочун, көзүңүз тааныш, деги кимсиз?

- Тынчтанчы Кундуз, сен азыр алсызсың, - деп колундагы алып келген тамагын тумбочканын үстүнө койду, - Менин зарыл ишим бар эле, эртең келем, - деп чыга берээрде:

- Мен сизден корком, келбеңизчи деги, өткөнүмдү эске салган сиз кандай адам элеңиз? - деп көз жашына мууна шыбыраганда Дуулат чыгып кетип каалгада жөлөнө көзүн жумуп саамга турду да: "Сөзсүз барышым керек", - деп чыгып кетти. "Каракурт", аны жакшы тосуп алды:

- Келээриңди билгемин, бирок өзүң келсең болмок.

- Кечириңиз босс...

- Болду, кечирим суроонун кажети жок, менин колум азыр кайда болсо жетээрин билесиң...

- Билем.

- Мен алланын колуна өтүп кеткенге гана алым жетпейт, тирүү адамды таап аламын!

- Түшүнөм.

- Эмесе, - "Каракурт" босогодо тургандарга колун шилтеди, - Бара тургула!

- Жарайт, - деп алар чыгып кеткенден кийин:

- Сени "бала арстан" деп мен койгомун эсиңдеби? - деди.

- Билем.

- Мени "Каракурт", - деп оңой жерден атаган эмес, мен чаксам бир чагам, кайтпай турган кылып чыгам, - деп Каракурт ачуусу келе көзүн чакырайта бир колу менен Дуулатты муунта баштады, - Азыр менин алдымда бийлигиң да жөрмөлөп турган кези, алар ачык бийлик кылса, мен жашыруун бийликти уучума кармап турган кезим, - деп түртүп ийди.

- Ке-кечириңиз, - Дуулат зорго дем алып жөтөлүп зорго эс алды.

- Адам өлтүрүү менин колума чымын өлтүргөндөй кеп.

- Билем босс...

- Мен сени балам катары көрөм, сага ишенүү үчүн менин тапшырган ишимди бир ай ичинде бүтүр! - деди да колуна акча менен бир дарек жазылган кагазды карматты, - Менин эки уулум бар, өзүм дагы кабар албадым, түрмөдөн чыкканда барсам аялым эрге тийип, экөөнү алып кетип калыптыр, ошол бойдон кабар албадым, - деди Каракурт, - Эми сен ошолордун так дайынын билип, кандай жашаганынан кабар алып келесиң.

- Жарайт.

- Жөнө! - деп кетип жаткан Дуулатты артынан карап турду: "Азыр болбо-ойт, бул дагы көп ишке жарайт, эгерде так, чын дили менен иштесе менин ордумду басчу ушул гана", - деп ойлонуп алды. Дуулат батирине түндө келип жатып алып ойлонуп отуруп кат жазды, башынан өткөнүн, болгон ишти, ишинин татаалдыгын, баарын жазып даярдап коюп уйкуга кирди. Эртеси эрте туруп шашыла чыкты да базардан гүл алып гүлдүн ичине конвертти кыстарып коюп ооруканага келди. Кундуз ажатканадан келе жаткан, бет маңдайында өзүн көздөй келе жаткан караандын басыгы да башкача көрүнүп: "Мен эмне болуп жүрөм, мага жакшылык кылган адамды урушуп кууганым жакшы эмес, Гүлжигитке туш келип кайсы жакшылыкты көрдүм, бирок соо эмес, бирөөгө окшошуп туруп алды да", - деп ойлонгончо маңдайына келип тура калды:

- Салам сулуу кыз, бул гүл сизге!

- Рахмат, - деп жылмая жал-жал карады.

- Ден-соолук жакшыбы?

- Дурус.

- Мында тамак бар, өзүм жасадым.

- Тим койсоңуз болбойт беле?

- Эчтеке эмес, Султанга бардыңызбы?

- Ооба, бүгүн дурус...

- Кундуз, мени кечир, шашылыш ишим бар эле, эки күндө келип калам, эгерде чыга турган болсоңуз, бул үйгө убактылуу бара турсаңыз болот, - деп ачкыч берди да жөнөй берди, гүлдү кучактаган бойдон чыгып бараткан Дуулатты карап туруп: "Мүмкүн эмес, кантип бирөөгө-бирөө окшош болсун, ал өзү да эмес", - деп ойлонуп турганда Дуулат чыгып кеткен жактан Гүлжигит көрүндү.

- Кундуз! - деп жүгүргөндө сестра тосуп алды.

- Токтоңуз, биякка кирүүгө болбойт.

- Чакырып коесузбу, Кундуз, Сагынбекова Кундузду.

- Азыр болбойт, врач текшергенден кийин.

- Макул, - деп туруп калды, ал Кундуздун ооруканада экенин издеп жүрүп анан тапкан, төрт күн бою издебеген жери калбады, акыры Азаттын жардамы менен телефон чалып ар кайсы жерден сураштырып жатып аты-жөнү менен таап келген болчу, эми Кундуздун кучак толо гүл көтөрүп басып кеткенин көрүп: "Гүл берчүлөр табылган экен го, сени шашпа, аман-эсен экенсиң, үйгө алып барып торго салбасам", - деп кайрадан кыжынып алды. Апасы аны тилдеп үйүнөн кулагын койбой койгон. Түндөсү кетип калаарын билбей карыган неме катуу уктап калганына өкүнүп жатты, Гүлжигит эртеси кечинде гана келип укту. Ошондо өзү Кундузду кандай сүйөөрүн сезди, көрсө катуу сүйгөнүнөн дагы кызгануу күчөсө керек, эми кайрадан эле кыжыры келгенине таңгалып турду: "Көрбөй калсам жанымды жерге кое албай калам, эми зорго таап алып ага ачуум келип кетти, деги мен эмне болуп баратам, деги жашоомдо эмнелер болуп жатат, Кундузга деле жакшы кеп айтпадым окшойт, ай ушу баласы кайдан пайда болду, ал болбосо ынтымактуу эле жашамакпыз", - деп ойлонуп турганда бир туңгуюк сезими: "Жо-ок, сен баары бир жакшы жашатпайсың, ал сенин жашооңдо турганда эч кандай жакшы жашоо болбойт, ал сени сүйбөйт, андан ажырашып алууң керек", - деп жаңыргандай болду, өз оюнан өзү чоочуй:

- Эч качан, мен эч качан Кундуздан ажырабайм! - деп алды, үнүн чыгара сүйлөгөнүнө эки жагын карап уяла түштү, бурчта эки аял, дагы бир эркек туруптур, ал чыдамсыздык менен күтүп жатканда Кундуз кыжаалат болуп: "Ал кайдан укту, эми кантип келет, менин аны көргүм келбесин эмнеге билбейт, баламды сүйбөгөн адам менен жашамак турсун көргүм келбейт, ошону эмнеге билбейт", - деп ойлонуп отуруп гүлгө көзү түштү, карап туруп ортосундагы конвертти көрүп: "Бул эмне болгон кат, эми мунусу дагы сүйүп калдым дебесе болду", - деп ойлонуп тамакты карады: "Өзүм жасагам", - деген Заирбектин сөзүн эстеп жылмая ачып карап делдээ туруп калды: "Бул Дуулат жакшы көрүп жасаган тамак го", - деп шашыла кашык менен даамдап көрдү ал: "Ошол, ошонун өзү", - деп кайра гүл ичиндеги катты ала коюп айрып окуп кирди. Колдору калтырап, көзүнүн жашы куюлуп отурганда Гүлжигит кирип келди, Кундуз катты бүктөп чөнтөгүнө сала койду, ага Дуулат ооруканага керектүүлөрүн бүт алып келип халатты да керебеттин башына коюп койгон, ал халатты көргөндө дагы бир нерсе эсине салган эле.

- Кундуз, жаным кандайсың? - Гүлжигит келип эле эңкейе бетинен өөп жанына отуруп калды.

- Эмнеге келдиң, деги бир уятың барбы?

- Эмнеге келбейм, аялым болсоң келбейинби, - Гүлжигит күлүп койду, ары жакта жаткан эки келинди карап акырын:

- Бар кетип кал, мен сага аялың боло албайм, - деди Кундуз.

- Кой эми, кимден кат келди, гүл алып келген ким?

- Ишиң болбосун, сыйың менен кетип кал Гүлжигит, болбосо милиция чакырам, сенин айыңдан балам экөөбүз өлүп кала жаздадык, - деп Кундуз туруп палатадан чыгып жөнөдү.

- Сен менден оңой кутулам деп ойлойсуңбу, али да закондуу аялымсың, - Артынан ээрчий чыкты.

- Законбу, биздин бул өлкөдө закон барбы, закон деген жок, андай заксты мен айрып салам! - деп бараткан Кундузду кармап калды эле, - Жарда-ам, жардамга, мени өлтүргөнү келди! - деп бакырганда сестралар менен врачтар чыга калышты.

- Эмне болуп жатат? - деп ак чач улгайган врач бери басты.

- Кечириңиз, бул менин аялым, бир аз ачууланып жатат, - Гүлжигит кызаңдай карады.

- Ооба, менин күйөөм, бирок балам экөөбүз ушунун айынан жаман акыбалга келдик, мүмкүн болсо чыгарып коесуздарбы, балама дагы жолотпогондой болуңуздар, бул бизди өлтүрөт! - деп Кундуз ыйлап жатканда врач Гүлжигитти карыдан ала колтуктай сыртты көздөй жөнөдү:

- Жигит, бул жер оорукана, ар кандай оорулуулар бар, аялыңыз азыр сыркоо, ага тынчтык керек, тынчын албаңыз, - деди да босогодон чыгарып жиберди, - Кийин сакайганда чечишип аласыздар.

- Кечириңиз, - деп коюп аргасыз жөнөдү, Кундуз шашыла Султан жаткан бөлмөгө жөнөдү, ал келсе уктап жатыптыр, жанына отуруп карап отурду: "Дуулат, ишенбей турам, кызык болду го, кантип ишенем, ушундай дагы иш болот экен да, бирок мен аны сүйөм, ал жакшы адам, эч кимиси жок тура, ооба мен ага ачык эле айтамын, жүзү өзгөргөнү менен денедеги каны ошол текшертип болсо дагы далилдейм, Гүлжигиттин азабынан көрө уулумдун атасы менен өлсөм дагы бирге болгонум жакшы", - деп ойлонуп отурганда Гүлжигит кирип келди, Кундуз атыла эшикке жетти:

- Сестра, сестра жардамга!

- Эмне, жинди болдуңбу, мен Султанды көрөйүн деп келдим.

- Көрбөй эле кой, сен бизге жакшылык кылдың беле? - деп жини келип түрткүлөп жатканда сестра кирди.

- Эмне болду, оорулуу балдар жаткан жерге чуу салууга болбойт, чыгыңыздар, - деди ал.

- Бул менин аялым, баламдын жанына жолотпой жатат, - Гүлжигит өзгөрүлөнө керебетте көзүн ачып ойгонуп калган Султанды көздөй жөнөдү, - Уулум кандай?

- Мен сени жек көрөм, апамды урасың! - деди Султан терс бурулуп.

- Чыгыңыз, кароолду чакырам, - деди сестра.

- Болуптур, болуптур кетем, - Гүлжигит кызаңдай Кундузга карап, - Дагы келем жаным, ачууң тараганда мени өзүң ээрчий турган болосуң, - деп кыжырлуу жылмая чыгып кетти.

- Чоң кыз, бул ушундай псих адам, уулумду жаздык менен тумчуктуруп өлтүрмөк болгон, көрбөгөндө эбак өлтүрмөк, этият болуу керек, өзүм карашым керек, - деди Кундуз корккондой сестрага.

- Кабатыр болбоңуз, биз көз болобуз.

- Мен корком, бул ушундай тажаал.

- Өзүнө тажаал, бизге эмес, - деп чыгып кетти.

- Апа, атам кеттиби?

- Уулум, ал кетти, эми келбейт, коркпо ээ балам? - Кундуз эңкейип уулун өөп жанына отурду, - Кана жакшы сезип калдыңбы өзүңдү?

- Ооба, жакшы болуп калдым, эми каякка барабыз апа?

- Кетебиз уулум, экөөбүздүн үйүбүз бар.

- Чынбы, ур-ре!

- Садагам менин, эми Гүлжигитке барбайбыз.

- А чоң энемечи?

- Мм, - Кундуз сөз таппай калды.

- Чоң апам жакшы ээ?

- Ии-ии, чоң апаң жакшы аял уулум, - Кундуз оор улутунуп алды, - Ал киши жакшы адам.

- Кийин атам жокто барып турабыз ээ?

- Ооба балам барып турабыз, - деди да өйдө болду, - Сен эми жылуу жат, сакайышың керек балам, мен дагы барып укол алайын.

- Бара бериңиз апа, мен досум экөөбүз ойнойбуз, - деп сырттан апасы менен ээрчишип келген Русланга карап күлүп койду, - Руслан менин досум да.

- Көп шамалдаба, тезирээк сакайышың үчүн жылуу жатышың керек макулбу? - Кундуз жылуулап жаап коюп палатадан чыкты да өзү жаткан бөлүмгө жөнөдү. Келгенден кийин гүлдү бир топко карап турду: "Мейли киши өлтүргүч бол, мейли ашынган акмак бол, сен мага зыян кылбайсың, уулум экөөбүз үчүн кайра келгениң менин кубанычым, тагдырдын тамашасын кара, менин эң акыркы чечимим же уулумду таштап коюп тынч гана өмүр сүрүү, же экөөбүз тең бирдей өлүү эмес беле, байкуш жаным, эмне кылаар айламды таппай баарынан тажап калбадым беле", - деп гүлдү жыттап анан керебетке жатып алып халатынын чөнтөгүндөгү катты кайра алып окуй баштады: "Мени кечир жаным, мени татаал тагдырым ушундай ишке кириптер кылды. Мен дагы өзүмдү адам болом дечүмүн, окуп кызматчы болом деп кыялданаар элем, көрсө маңдайга жазган жазуудан кача албайт экенсиң, сенден атайлап качканым жок, кылмыштуу жумушум түрткү болду. Ооба, сен мурдагы Дуулатты көргүң келээр, бирок жүзүм өзгөрүлгөнү менен канымда сен билген Дуулаттын кана жүрүп жатат, тулку боюм өзүмдүкү, атым гана өзгөрүлгөн. Эмки сөз сенде, баарын уккандан кийин кандай чечимге келсең өзүң бил, бирок менден качпа, уулумду алыстатпа, каалагандай жашоону түзүп беремин, үй даяр, болгону менден качпа, суранам сенден Кундуз. Кааласаң жашооңо аралашпайм, болгон дүйнөмдү силерге берип сыртыңардан көзөмөлдөп турам", - деп өзүңдүн Дуулатың", - дегенди окуп кайра башынан кирди. Кайра-кайра окуганы менен окугусу келе берди: "Сенин Дуулатың. Ооба менин Дуулатым, сени мен жаным менен сүйгөм", - деп катты көкүрөгүнө басып алып кубанычтан көз жашы мончок болуп жаздыкка тамчылап жатты. Ошол күнү кечке көңүлү ачык жүрдү, аны ооруканадан чыгарды, анан уулунун жанына уруксат алды, Султан дагы он күндөй жатмак болду. Бир жума дегенде Орунбү энени ээрчитип, колуна гүл алып алып Гүлжигит дагы келди, ал энени зор менен алып келгени көрүнүп турат.

- Кундуз, жакшы болуп калдыңбы? - деп эки бетинен өптү, Султанды кучактап өөп, - Кудайдын ушунусуна шүгүр...

- Апа, балаңыз сизди эмнеге мынча кыйнайт, мен эми барбасымды кандай билбейт, түшүнсө боло? - деди Кундуз ага, - Мен Гүлжигитке эмес сизге тийгендеймин, акыл-эси токтоло турган болуп эле калды го, деги мени тынч койсунчу апа.

- Эмне кылайын балам, ичтен чыккан ийри жылаан деген ушул да, канчалык айбан же канкор болсо дагы эне баланы кече алабы балам, канча жолу айттым, - Эне оор улутунуп алды.

- Мага сиз эми кайра бар деп айта көрбөңүз, уулум менен өз күнүмдү өзүм көрөйүн, - Кундуз Орунбү энеге жалдырай карады, - Сизди кыйнабаса болот эле го?

- Мейли балам, жалгызым үчүн өлүмгө дагы даярмын, оюма койсо ушунумдун бактысы үчүн башымды байлап бермекмин, айла канча-а, - Башын ийкеңдете кейип-кепчип отурду, Гүлжигит кире албады, алып келген тамагын эненин көңүлү үчүн куюп алып идишин бошотуп кайра берди.

- Жакшы барыңыз апа, Гүлжигитти башка аял алып берип алаксытыңыз, балким балалуу болуп калса тынчып жашап калаар...

- Мейли жакшы кал балам, кайда болсоң да аман бол, - деп Орунбү эне кыйыла палатадан чыкты. Кундуз энени аяп көзүнө жаш тегеренди: "Ээ кудайым, бала берсең дагы акыл-эси, ыйманы менен бере гөр, асты түшүнүгү жакшы болсо экен, бул байкушту дагы кыйнады го, менде эмне күнөө, жашап калуу үчүн тырыштым, кокус төрөп алсам тынч жашайт белек, же анда же кете албай, же өлө албай азапты мындан дагы жаман көрөт белем", - деп турганда Гүлжигит көрүндү:

- Кундуз, мени кечир, врач менен сүйлөшүп ушуга чейинки дары-дармектин акчасын төлөп коеюн, - деди жетип жетпей.

- Баары төлөнгөн, убара болбо!

- Ким, кантип төлөдүң?

- Ишиң болбосун, өз жолуңа түш! - Палатага кирип кетти, аны ары жактан врач токтотуп ары кетирди.

- Сен жигит, эмнеге түшүнбөйсүң, оорулуулардын тынчын алганга болбойт, биерде бүт жаш балдар.

- Кечириңиз, булардын дары-дармегине ким төлөгөн?

- Кимдин?

- Балам менен аялымдын.

- Сен жигит балам дейсиң, бешке чыккычы күбөлүгү жок экен, аты жөнүң ким өзү? - Врач аны сынагандай карады.

- Сүйөркулов Гүлжигит.

- Баланын аты жөнү жок, жөн гана Султан, уктуңбу? - деди да ачуусу келгендей, - Бар, бара бер, эми келип бул жерге "скандал" кылба, - деп өз кабинетине кирип кетти, Гүлжигит эми гана көзү ачылгандай болду: "Чын эле, же күбөлүк албасак, анан мени Кундуз жакшы көрмөк беле", - деп ойлонуп шашыла кайра Кундузга жолугууга кирди.

- Кундуз, Султандын төрөлгөндөгү справкасы барбы?

- Эмне кыласың аны? - Көзүнүн төбөсү менен карады.

- Күбөлүк алам, баламдын күбөлүгүн жаздырам, сенин паспортуң үйдө элеби?

- Жок, мен аны апама берип ийгем, эми кереги жок, кетип кал Гүлжигит! - ачууланган Кундуз аны дагы түртүп палатадан чыгарып жатканда Дуулат келе жаткан, Гүлжигитти көрүп ал түз өтүп кетти, - Бар дедим го, эми сенин керегиң жок, күбөлүктү беш жылдан бери алууну ойлобогон эми эсиңе келдиби?

- Кечирчи, ошону ойлобоптурмун.

- Кет деп жатам, сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Ачууланбачы эми, мен сени сүйгөнүмдөн эле жинди болуп баратам, сенден ажырагандан корком, - деп Гүлжигит башын жерге салды.

- Койчу бай болгур, уккум да келбейт! - Кундуз эшикти тарс жаап кирип кетти.

- Эй, сен ушу бирөөнү тапкансың, карасаң дегеле, көрөйүн деген көзүм жок деп, көрөм сени шашпа, - деп каалганы бир муштап коюп жөнөдү, аны тээ коридордун башында карап турган Дуулат көрүп анан басып келип эшиктин түбүндө саамга турду: "Эми эле ачуусу келип турган Кундуз мени эмне дээр экен, балким ал мага ишенбес, турмуштун оош-кыйышын, ачуу-таттуусун татып калыптыр, мени кандай кабыл алат, балким катты толук окубай эле тытып салгандыр, андай жомокко ким ишенет, өзү баарынан көңүлү калып турса", - деп ойлонуп туруп анан эшикти аста тык-тык урду:

- Кире бериңиз, - деди ичкериден Кундуз, ал сезди кимдин келгенин эшикти карап жүрөгү дүк-дүк эте калтырай туруп калды.

- Кандайсыңар? - Жылмая күлүмсүрөп кирип келди.

- С-сен?! - Кундуз аны тиктеп жалдырап туруп калды, ал анын бүт турпатын, мүчөсүн көз жүгүртө кылдат карап жатты, - Ырас эле сенби?

- Ооба Кундуз, сен мени тааныдыңбы? - Экөө эки жерде селдейип туруп үндөшүп турду, - Кундуз, мен силерди издеп артыңардан жүргөнүмө бешинчи айдын жүзү болду, балалуу болуп бактылуу жашап жатса тийишпейин деп терең билүүгө ашыктым, бирок аягы бул болду, көрсө...

- Ооба, мен тозоку жашоодо жашадым, беш жыл бою...

- Апа, апа бул байке мага оюнчук алып келип берген, - деп алардын оюн Султан бузду, - Дагы алып келдиңизби?

- Оо жигит, акыбал кандай? - Дуулат эңкейип баланын чекесинен өптү, - Сакайып калдыңбы?

- Ооба, жакшымын байке.

- Менин сага эмне алып келгенимди билесиңби? - Күлүмсүрөй карады, - Сага азыр алып келем, - деп кайра сыртка чыгып кетти.

- Апа, байке жакшы ээ?

- Ооба уулум, Заирбек байкең жакшы адам, - деди Кундуз жылмая уулун кучактап өөп, - Сага дагы белек алып келген го?

- Эмне дүкөнгө кеттиби?

- Жо-ок, машинасына койсо керек.

- Ии-ий да, - Султан кубана керебетке туруп отурду.

- Мына, бул сага! - деп Дуулат кирип келди, - Бул оюнчук сага жагабы? - Колундагы чоң оюнчук машинаны кармап келип Султандын жанына отурду.

- Ай-ий, ушуну алып келдиңизби, мага алып келдиңиз да ээ? - Султан кубанычтуу оюнчукту кармалап апасына карады, ал экөөнү карап жылмайып отурган эле, - Апа карачы, Заирбек байке мага алып келиптир!

- Рахмат дебейсиңби уулум, байкеңе рахмат де.

- Рахмат байке, - Султан кудуңдай Дуулатка карады.

- Эч нерсе эмес, бул жакса дагы алып берем, - Дуулат күлө аста балага жакындап чекесинен өптү, - Мындан ары сага өзүм сонундарды алып берем ээ?

- Заирбек байке, сиздин балдарыңыз барбы? - дегенде Кундуз экөө тиктеше калышты, саамга туруп анан.

- Ооба, дал сага окшош уулум бар, - деди.

- Балаңызды жакшы көрөсүзбү?

- Ооба, сени дагы баламдай көрөмүн.

- Чын элеби? - деп жаркырай карап алып заматта кабагы бүркөлө түштү, - А балаңыз каякта?

- Баламбы? - Дуулат ойлоно калды, - Менин бала дал ушул жерде!

- Каерде, мен көрсөм болобу?

- Азыр эмес, а сен эмнеге кабак чытып калдың?

- Менби? - Султан оюнчукту карап ойлоно унчукпай калды.

- Айтчы Султан, эмнеге унчукпай калдың?

- Менби? - Султан Кундузду карады, ал унчукпай карап тура берди, эмнеси болсо дагы айта берсин деген ойдо турган, - Мени атам жакшы көрбөйт, сиз балаңызды жакшы көрөт турбайсызбы?

- Мен сени дагы жакшы көрөм.

- Чын элеби? - Султан жаадырай карады.

- Уулум, сен тынч жат, мен байкеңди жөнөтүп коеюн, - деди Кундуз.

- Макул, мен кетейин, - Дуулат Султанды эки бетинен өөп өйдө болду, - Сакайып кет ээ?

- Дагы келесизби?

- Ооба, кечинде дагы келем.

- Ур-ре! - деп колун көтөрүп кубана карап койду, Кундуз менен Дуулат ээрчише палатадан чыкты.

- Балага ушунчалык өткөргөн экен, - деди Дуулат сыртка чыкканда.

- Ооба, ушул баланы өгөйлөп туруп алды, эми кайра баягы адатынча далбастап жатат, кайрылып барсам баягы адатын карматат.

- Эми эч качан ага барбайсыңар, силерге жашоону өзүм түзүп берем, - Дуулат келинди карады, - Албетте, сен макул болсоң бирге жашайбыз, каалабасаң үйгө көчүрүп барамын да баарын даярдап берем.

- Султандын көнүшү кыйын, мен го...

- Алтыным кечир, мени...

- Жок Дуулат, айтуунун кереги жок, баарын билдим, сенин дагы келечегиң кооптуу... - Кундуз жер карай басып келип отургучка көчүк басты, - Биз эми баары бир Гүлжигиттин үйүнө барбайбыз.

- Сен макул болсоң мен үйдү даярдай берейин.

- Өзүң бил, мен ата-энеме дагы бара албай калдым.

- Болду, менин кесиримден азап тартканың жетишет, андай болсо мен сени ата-энеңдин үйүнөн алып кетейин, ачык айтам.

- Кантип, атам мени алигиче кечире албай жүрөт.

- Сен Султанды алып бул жерден чыккандан кийин үйүңө бар, мен агамды ээрчитип алып барам да алып кетем, - Дуулат келиндин ийинине колун койду, - Кандай дейсиң?

- Ойлонуп көрөйүн.

- Болуптур, кечинде эмне алып келейин?

- Өзүң эле билчи.

- Кундуз, акча керек болуп калат, - деп Дуулат ага бир пачка акча сунду, - Зарыкпай керегиңе жарат.

- Дуулат, - дегенде ал анын оозун алаканы менен басты.

- Заирбек, мындан ары Заирбек деп жүр.

- Жарайт, - Кундуз аны ойлуу карады, - Мен сени өз атыңдан айткым келет.

- Ооба, мен деле ата-энем койгон атты уккум келет, бирок тагдырым мени ушуга алып келип такады...

- Кечир, кечир Заирбек, - Кундуз ага жалжылдай карады, - Мага анчалык акча зарыл эмес, сенин баягы акчаңды алигиче түгөтө элекмин, эки миң доллар ошол бойдон турат.

- Койчу, ошончолук сарамжалдуу экенсиң го?

- Мени сени өлдү деп уккандан бир ай өткөндөн кийин эле ала качып кетип калды, күйөөм бар дегениме карабады, кийин боюмда бар экенин уккан соң пейили бузулду, акча сакталуу...

- Өзү дурус эмес жигит тура.

- Эми ойлосом, өтө эле жеңил ой экен, заматта эле терс айлана түшкөнүнө таңгаласың, бир туруп киши, бир туруп айбан кейпин кийет, - Кундуз ага баарын айтып берди,

- Өзүм дагы боюмда бар экенин билген эмесмин, барганыма бир ай болбой эле өзүмдү жаман сезе баштадым, врачка көрүнсөм үч жарым ай болуп калыптыр, алдырганга да болбой калды...

- Алдырмак белең?

- Айлам жок эле, кийин Гүлжигит дагы алып барды, бирок болбоду.

- Ооба, аргасыз болчумун, бирок баламдын жарыкчылыкты көрүүгө насиби бар экен, - Кундуз жылмайып алды.

- Эми балама эч бир адамдын сөзүн угузбайм, экөөңөрдү көзүмдүн карегиндей сактоого убада берем, - Кундуздун колдорун кармап өөп койду, ал анын ийинине жөлөнүп көзүн жумду.

- Менин түшүмбү бул, ишене албай турам, - Кундуз Дуулатка карады, - Ар убак түшүмө кирчүсүң, өзүң кадимкидей жанымда олтуруп эле кайра башкага айланып кетесиң, мен сени издеп таппай калам, бир жолу сен экөөбүз мурдагыдай эле чай ичип отурганыбыз киргенде коркуп жүрдүм, өлгөн адам менен тамак ичкен жаман болчу эле деп...

- Ооба, менин жүзүм эле өзгөрбөсө аман-эсенмин да, биздин элде аз, чанда гана адамдар жүзүнө операция жасатпаса жокко эсе...

- Түшүнөм, уккан адам ишенбейт.

- Мен эми барайын, бүтүрө турган иштер бар, - Дуулат өйдө болду, - Уруксатпы? - деди да жүзүнөн өптү, - Мен сени сагындым.

- Мен дагы...

- Буйруса бирге болобузбу? - Күлүп койду, - Баса сага телефон ала келдим.

- Албетте, Султанга акырындык менен түшүндүрөбүз да, муну...

- Макул, бирге турсак көнүп кетет, - деп Дуулат жөнөй берди. Кундуз ичке кирди, Султан баш көтөрө:

- Апа, Заирбек байке кеттиби? - деди.

- Ооба балам, жылуу жат, бир-эки күндө чыгабыз буйруса.

- Кардым ачты апа, ал эмне? - деп телефонду көрүп сурады.

- Азыр уулум, Заирбек байкеңдин алып келген тамагын көрөлүчү, - деп Кундуз ага тамак берди, - Оо ширин тамак тура.

- Апа, мага дагы жакты, Заирбек байке мага да телефон алып береби?

- Мага дагы, - Экөө тамакты ичип отурушту, ошондон эки күн өткөндөн кийин ооруканадан чыгышты, Дуулат үйдү алмаштырып башка чоң эки кабат үй алып ичин толтуруп экөөнө спальный, Султандын бөлмөсүн дагы даярдап оюнчуктарды коюп койгон.

- Ушунун баары меникиби? - Султан Дуулатка карай кубанычтуу күлүмсүрөдү.

- Албетте сеники, атайын сага деп албадымбы.

- Султан, уулум кайра-кайра сурай берген болбойт.

- Макул апа.

- Жөн кой, сурай берсин, мен баарына жооп берем, - Дуулат Кундузду далыга таптады, - Баланын көңүлүн оорутуп, суутканга болбойт, силер эми үйдө өз каалаганыңардай боло бергиле, - деди да Дуулат чыгып кетти, Кундуз унчукпай узата карап туруп калды. Муздаткычтан эт алып тамак жасады, ойлуу өзүнүн тагдыры ой салмагына салып жатты, Султан оюнчуктар менен ойноп жатты. Дуулат чыгып унаасына отурду да өзү туулуп өскөн айылын көздөй жөнөдү: "Он беш жыл өттү, Канатбек да Муратбек да үйлөнүп жайлангандыр, мени тааныйт бекен, кандай абалда калышат, барганымды жактырышабы же...", - деп күдүк ой менен зымыраган жолдо кетип жатты. Ал айылга кирип өзүнүн ата-эне конушуна барды, бирок үй бузулуп дубалдары эле урандыга айланыптыр, короолору бузулган, бирок эшигинин алдына огород эгиптир: "Канатбек айдаса керек", - деп ойлоп Канатбектер менен чогуу өскөн үйгө жөнөдү, баягы жепирейген үйдү оңдоп коюптур, эшиктин алдында бир кыз, бир уул бала ойноп жүрүшөт:

- Чоңойдуңарбы? - деп Дуулат аларга жылмая карады.

- Ооба-а, сиз кимсиз? - деди чоңураагы кыз бала.

- Атаң ким? - деди Дуулат жооп ордуна.

- Атамбы, атам Канат.

- Менин дагы, - деди беш жашар уул.

- Оо жакшы балдар экенсиңер го, атаңар кайда?

- Атам үйдө, чакырайынбы? - деди кыз.

- Атың ким?

- Атым Акзыйнат.

- Аз-замат десе, иниңдикичи?

- Менин атым Нуйалы, - Мурдун шыр тарткан Нуралы.

- Азаматтар десе, мына муну алып дүкнөгө баргыла, таттуу алып жегиле макулбу?

- Макул, - Нуралы ала койду.

- Нука, чоочун адамдан эчтеке алба дебеди беле атам.

- Меңиз, атам уюшат, - деп кайра сунду Нуралы.

- Ала бер, мен силердин байкеңер болом, - деп отура калып экөөнү жанына чакырды, - Кана жакын келгилечи, - Ошол убакта үйдөн аялы Айымгүл чыга калды.

- Сиз кимсиз? - деп ачуулана карады ал, ал чоочун адамды көрүп коркуп кеткен эле, анткени айылдан дагы балдар жоголо баштаган, - Бул жерде эмне кылып жатасыз?

- Мм, кечиресиз, Канатбек үйдөбү?

- Сиз кимсиз? - деди ал кайра дагы.

- Ким? - деп Канатбек чыга калды, - Ким керек? - Дуулатка карады, - Кимге келдиң эле?

- Канат, мени тааныбадыңбы?

- Сен кимсиң? - Бүшүркөй карады, ал Дуулаттын өлгөнүн кийин тааныштардан угуп ал чыккан гезитти таппай калып тим болгон, бирок кээде-кээде куран да окуп калчу.

- Мен... Мурат кайда, ал дагы үйлөндүбү?

- Сен... Мүмкүн эмес, ал өлгөн, мен аны...

- Канат, сенин укканың туура, бирок ал мен эмес, такыр башка адам, мен Дуулатмын, кантип тааныбайсың, үчөөбүз кандай күндөрдү баштан өткөнбөдүк, адегенде мен, андан кийин силер, үчөөбүз жетимсиреп ушул үйдү караандап калбадык беле?!

- Дуулат, бир боорум чын эле сенсиңби? - Канат кучак жайып аны көздөй умтулганда Дуулат жетип барды.

- Мени сөзсүз кайрылып кел деп узатпадыңар беле, Мурат кайда, ал дагы үйлөнгөнбү? - деп мурдагы суроосун кайталады.

- Ооба, ал дагы үйлөнгөн, жакында балалуу болушту.

- Демек кудайга шүгүр экен, силерди аман-эсен көргөнүмө ыраазымын, - Экөө көпкө кучакташып турду, аны Акзыйнат менен Нуралы, аялы Айымгүл үчөө карап туруп калышты.

- Сени өлдү деп элден уктум, кайсы гезитке чыкканын таппай калдым, аман экенсиң, ушуга шүгүр, - Канатбек жашып кетти.

- Үйгө киргиле, - деди Айымгүл, күйөөсүнөн гана тартынып турду, болбосо түрмөгө отурган немени жолотпо деп айтууга оозун даярдап тим болгон, ал жөнүндө айтып жүргөнүн уккан эле.

- Тура бергенимди кара, кана үйгө кир, - деди ошондо Канатбек, - Биз эми баягы жетимдер эмеспиз, баардыгы өткөн-кеткен.

- Кубанычтуумун, - деп Дуулат үйгө кирип бара жатып баарына сарасеп салып жатты, - Менин бул үйгө куру киргеним болбос, - деп төш чөнтөгүнөн бир пачка акча алып чыкты, - Көрүндүгүм болсун.

- Ушунуң кантип болсун, баягы өзүң чоңойгон үй, болгону бир аз оңдомуш эткемин, - Канатбек ыңгайсыздана күлгөн болду.

- Ошентсе дагы жаңыланып калыптыр.

- Эми колдон келгени...

- Кубанганымдан эчкирип ыйлагым келип турат, кол бошобойт, силерди ар бир саат сайын эстеп жүрдүм, бирок чолоом болбоду, - Төрдөн орун алды, ошол убакта Канатбек чөнтөк телефонун алды, - Азыр, Муратка чалайын, өзү жетип келет, - Дуулатка карап күлүп койду, - Ал дагы сени көп эстейт, телефондун чыгып калганын кара, заматта келтирет алдыңа.

- Ооба, заман өзгөрдү...

- Мурат, тез үйгө Айзада экөөңөр тең келип калгыла, жок жөн эле, баягы кара ирик бар го, ошону ала кел, ооба-ооба тез келгиле! - деп кол телефонун алдына койду, - Ачык айткан жокмун, сен абдан өзгөрүпсүң, Мурат дагы тааныбай калат, сен унчукпай тур, эмне дээр экен.

- А мен аны көрүп чыдай албайм го?

- Чыда, аздан соң айтабыз, - Канатбек Айымгүлгө кайрылды, - Айым, бизге тамак алып кел, алар келгенче шам-шум этип туралы, мен дүкөнгө барып келейин, - Канатбек тура жөнөдү.

- Мен дагы чыгайын, өз айылымды көрбөгөнүмө канча болду?

- Жүрү анда, сүйлөшкөнчө барып келели, - Экөө ээрчише үйдөн чыгышты, Акзыйнат менен Нуралы да ээрчип алды. Камоктон арак алмак болуп Канатбек озунгучу Дуулат:

- Мага тиги эң жакшы арактан бериңизчи, - деди сатуучуга, - Анан балдарга эмнеңер бар?

- Баары эле бар, арзаныбы же кымбатыбы? - Сатуучуну эми гана тааныган Дуулат.

- Саадат, сен бул айылдасыңбы? - деди, анткени ал Дуулат менен бирге окуган, ал тургай экөө бири-бирин тымызын жактырып мамилеси жакшы болчу, сезимдери ачылбаган бойдон калган.

- Сен кимсиң? - деди Саадат, - Тааныбай турам.

- Мен Дуулатмын.

- Койчу, чын элеби? - Саадат таңгала тааный албады, - Өзгөрүпсүң, мен сени тааныбай турам.

- Классташыңды унуттуңбу? - Дуулат күлдү, - Сен биздин айылга келин болгонсуңбу?

- Саадат жеңем Айтматтын аялы да, - деди Канатбек.

- Оо жеңем болуп калган экенсиң да классташ.

- Ооба, сени жактырып жүрсөм кетип калдың, анан эмне кылам? - Тамашалай күлүп калды.

- Жашоо кандай анан?

- Жакшы, кадимкидей эле.

- Кана эмесе, тиги чоң шоколаддан экини берчи жеңе.

- Оо кымбатынанбы?

- Ооба.

- Мына, дагы эмне берейин?

- Конфет, печеньелердин жакшысынан эки килдеп тарт.

- Жарайт, - Саадат шыпылдай кыймылдап жатып суроо узатты, - Дуулат үйлөндүңбү?

- Жок, эми үйлөнөм го.

- Карт бойдок болуп жүрө бербей үйлөн кайним, - Тамашалап жатып баарын берди, Дуулат дүкөндөн өтө эле көп тамак-аш, кымбат винолорду алды, - Бул айылда дагы дүкөндөр көбөйгөн экен да, шаардан айрымасы жок.

- Жашоо ошондой болуп калбадыбы, үйдө отура берсең тамакты кайдан жейсиң азыр, кыбырасаң кардың ток.

- Ооба-а, ошондой болуп калды, - деген Дуулат бир кил конфет, печенье менен чоң шоколадды Саадатка берди, - Буларды балдарга берип кой жеңе, а бул шоколад сага, менин базарлыгым.

- Тим койбойт белең, мынча кеңсиң?

- Акчага кызыгып кайра сатып ийбе, кечинде конокко келип агам менен инилеримден сурап алам, - деген Дуулат чыгып кетти.

- Мынча неге көп алдың, жөн эле койбойт белең? - деди Канатбек дүкөндөн чыккандан кийин.

- Ошо кантип болсун, шаардан ала келмекмин, бирок биерде бардыр деп көңүл бурбадым, мындан ары буйруса...

- Ас-салоому Алейкум! - деп Мурат алдынан чыкты, учурашкан соң Канатбек:

- Бул менин досум, конокко келиптир, - деп күлүп койду Дуулатты карай.

- Жакшы, - деп Мурат аны жал-жал карап Айзада экөө үйдү көздөй басып кетишти.

- Канат, мен чыдай албайм, Муратты боорума кыспай кантип турам?

- Чыда, бир аз тамаша кылалы, - Алардын артынан киришти, уулун жаткырып отуруп калышкан экен.

- Келиңиздер, - Мурат эч нерседен капарсыз ызаат кыла ордунан туруп орун бошотту, - Байке, койду сое берелиби?

- Кое тур, бул менин досумду бир көрдүң беле Мурат? - Канатбек инисине жылмая суроолуу карады.

- Жок, көрбөсөм кайдан? - Мурат Дуулатты бир карап койду.

- Такыр көргөндөй эмессиңби?

- Жо-ок, - Агасын карады, - Сиздин досуңуз болсо кайдан тааныйм? - Мурат такыр тааный албады, Канатбек дагы: "Чын эле, ушунчалык өзгөргөн экен, эмнеге мынчалык өзгөрдү, мынчалык башкача болуп кетет деп ойлобопмун", - деп ойлонуп алды.

- Дуулатты эстедиңби?

- Эмне? - Мурат агасын таңгала карады, - Аны...

- Эми бери кара, биз уккандай эмес, мына Дуулат.

- Коюңузчу? - Мурат ишене бербей Канатты анан Дуулатты карады, - Кантип эле, мен таанымакмын да...

- Мурат, сен экөөбүз Үрүстөмдү...

- Чын эле...

- Ооба иним, силерге кечигип келгеним үчүн кечирим сурайм.

- Дуулат байке, сизби чын эле? - Мурат тура калды, - Неге мынча башкача болуп кеткенсиз?

- Ушундай иним, мени тагдыр өзү өзгөрттү, келчи боорума кысып бир сагынычымды жазайын, - Дуулат кучагын жая күлүмсүрөгөндө Мурат дагы жетип кучактап калды:

- Чын эле, чын эле аман-эсенсизби?

- Ооба, силердин унутпа, кайрылып сөзсүз кел дегениңер алиге чейин кулагымда турат, бирок эч убактым болбоду, кучакташып саамга туруп анан бөлүнүштү, - Ыраазымын силерге, мендей бооруңарды кучак жая тосуп алганыңарга.

- Койсоңчу Дуулат, сени биз кантип унутабыз, кантип четке кагабыз, биздин ансыз дагы аталарыбыз бир тууган эмеспи? - деди Канатбек.

- Ыраазымын, силерге абдан ыраазымын, - Дуулат жашып кетти, аны ошол күнү семиз ирик союп коноктошту, Дуулат Айзада менен Айымгүлгө винодон куйдурду, үчөө арактан аздап ичип өткөндөрдү эстеп отурушту, Мурат менен Канат чынында Дуулаттын өзү экенине күмөнсүгөнү менен болгонду эске салган сайын ынанып калышты.

Эртеси үчөө Дуулаттын ата-энесинин журтуна барышты, кеңешип туруп аларга куран окутмак болуп анан аларга болгонун болгондой айтып берди, экөө тең ооздорун ачып таңгалып калышты.

- Демек Майкл Жексен сыяктуу эле бетиңди алмаштырыпсың да? - деди Канатбек.

- Кызык, кантип ошону жасашат? - Мурат Дуулатка ишенкиребей карады, - Бет терини сыйрып ташташабы?

- Медицинанын күчү боорлорум, азыр бизге дагы келип калыптыр.

- Бет терини алмаштырат бекен бизде? - Мурат суроо узатты.

- Ооба, али уга элексиңерби, мурду теңирекейлер түзөтүп, сепкили бары жүзүн тунук кылып, көздөрү жымшыйгандар бакырайтып алып жатпайбы? - Дуулат күлүп койду.

- Кызык.

- Кызыгы курусун, - деп Канат Дуулатты карады, - Эми кол телефон менен кабарлашып турабыз, үйлөнсөң биякка алып келесиңби?

- Албетте, бул үйдүн ордуна жаңы үй салам.

- Сөзсүз салууң керек, биз дагы четте турбайбыз.

- Ыраазымын, бир боорлорум, биз бир гана энеден туулгандайбыз, - деп Дуулат алар менен отуруп анан кечке маал коштошуп жолуна түштү, ал өткөндө "Каракурттун", балдарын тапкан, кандай жашап жатканын иликтеп улуусу эптеп эле жашап жатканын, кичүү уулу отуздан ашса дагы үйлөнө электигин билип кайткан. Жолдо келе жатканда телефону чырылдап калды.

- Ало-о, угуп жатам, - Каракурттун үнү угулду.

- Иштериң кандай?

- Жакшы босс, барганда толук айтам, азыр жолдомун.

- Качан көрүшөбүз?

- Буйруса эртең кеч...

- Жарайт, - деп трубканы коюп койду, эртеси ага жолукту, баарын айтты, Каракурт ага толгон байлык берип артынан аны сактоо үчүн эки машинаны жөнөттү, Дуулат улуу баласыныкына барып болгон чындыкты айтып турганда иниси Шарип келип калды, Дуулаттын сөзүн бузбай угуп:

- Биз жетишпесек дагы оңой оокатка кызыгып, бирөөнүн бергенин алганга көнгөн эмеспиз, - деди.

- Бул башка бирөөнүн бергени эмес, "Кантемир" атаңдын байлыгы, эгер көзүм өтүп кетсе булардын баары башканын колунда калганча балдарым алсын деген, бирок сарамжалдуулук менен колдонуңуздар, - Дуулат жөнөмөк болгондо Арип ойлуу.

- Ал өзү кандай жүрөт? - деди.

- Баары жакшы, бирок келсе силер кабыл албай коюпсуңар.

- Ооба, биз жаш болчубуз, апам дагы экинчи күйөөсү менен жашачу...

- Эмесе жакшы калыңыздар, эмне деп коеюн?

- Салам деңиз, бизди унутпаганына рахмат.

- Айтам, - деди да Дуулат жөнөдү, Арип менен Шарип бири-бирин тиктеп туруп кала беришти.

- Бул анын арам акчасы, эмнеге алдың ага?

- Кандай болсо дагы атабыз, эмнеге биз элдей жашай албайбыз, бул акчага баарын сатып алса болот, апам деле жыргап кеткен жок, сен дагы...

- Болуптур, муну кандай колдоносуң?

- Үй салдырам, мал сатып алам, балдарымды окутам, анан сени үйлөнтөм, - деп жылмайды Арип.

- Андан көрө адегенде апама кеңешүүбүз керек го?

- Апам уруксат бербейт, жанагы күйөөсүнө эчтеке ыраа көрбөйм, - Арип терс карады, - Кел андан көрө алдын ооз тийели, сен барып эт-аш балдарга таттуу алып келе калчы.

- Макул ага, байлык дегенде жата каласың, эгерде атамдын адамдарды бизге кол салсачы? - деди Шарип күдүктөнө, - Мен анын крим дүйнөнүн "пашасы" деп уккамын, кийин бизге зыяны тийсечи?

- Коркпо, атабыз өзү деле карыды, канча жашаарын ким билет?

- Жүрөгүң оорубайбы ал өлсө...

- Кайдагыны айтпа Шарип, өмүр бою биз үчүн эмес өзү үчүн жашап келди, эми эсине келип бизге берип жатканда албай коелубу, ансыз дагы жетип жетпей жашап келе жатабыз го, адам болуп жашоого бир келгенден кийин адамча жашашыбыз керек го?

- Макул-макул аке, бирок этият болуубуз керек, - деп Шарип агасына башка кеп айтпай чыгып кетти. Шарип өз эмгеги менен жашоону каалачу, бирөөгө кылдай жамандык кылууну билчү эмес. Ага апасынын: "Балдарым, арам оокат аш болбойт, дүнүйөң көп болсо уйку качат, ким кол салат деп кадам сайын коркуп жашоо кимге жагат, өз эмгегиң, ак мээнетиң менен тапкан оокат жугумдуу болот, бирөөгө тырмактын агындай кара санабагыла", - дегенин эстеп баратты. Бирок кайра: "Канчалык ак эмгегибиз менен жашасак да эл катарына кошула албадык, акемдин айтканы туура, балдары да чоңоюп калды, бирөөдөн зордоп тартып же уурдап алганыбыз жок, атам өз парзын аткаруу үчүн берген экен", - деп ойлонуп камоктон агасы берген акчага толгон тамак-аш алып келди.

- Ой бала, сен катуу иштегенсиң го? - деди жеңеси Айдай.

- Ооба жеңе, бир жирный тамактаналы, жардынын бир тойгону орто байыганы эмеспи, - деп жооп берди Шарип.

- Орто байысак кана? - Айдай сумсая түштү.

- Буйруса байыйбыз байбиче, - деп Арип аялына сырдуу карады.

- Кайдан дейсиң, экөөлөп иштегениңер эчтекеге жетпейт, иниң болсо карт бойдок болуп отузду ортолосо дагы үйлөнбөй жүрөт, - Айдай улутунуп алды, - Эми биринин артынан бири чоңоюп балдар келе жатат, кызыбыз бой жетти.

- Эртең сен экөөбүз шаарга барып келсек кантет?

- Кайсы акча менен? - Айдай күйөөсүнө таңгала карады.

- Кел биякка, - деп Дуулат таштаган дипломатты ачты, - Мында биздин атабыз берип ийген байлык келди.

- Оо-оий! - Айдай эки колу менен оозун калкалай көзүн алайтты, - Буларды бизгеби?

- Ооба, мен беш, Шарип үч жашында кеткен экен түрмөгө, чынында атам өрт болсо керек, билип угушума караганда анын "бийлиги" дагы өзүнчө укмуш деп уккамын, бир киргенден кийин чыгышы кыйын да, картайганда бизге байлык жибериптир, - деп Арип анын алдындагы алтын жасалгаларды көрбөй кайра жаап койду. Ошентип эки бир тууган жыл айланбай келишкен там салышты, экөө катар тургузуп, мал күтүштү. "Каракурт" андан кийин дагы балдарына "салам дува", жөнөтүп жатты. Баарын Дуулат алып келет. Иши бүткөн соң Дуулат Кундузду үйүнө жөнөтпөй туруп Канатбекти аялы менен, Кубат агасынын балдарынан ээрчитип үйүнө келди да аларды "кудага" жөнөттү, Сагынбек баргандар менен ачык сүйлөшпөдү, күңкүлдөп тим болду, Дуулат жүз миң сом, бир машинага толтуруп белек бечкек, ящиктеп арак вино, коньяк менен суулардан берип ийген. Селки шыпылдап үч келини менен коноктоп, кийит кийгизип жөнөттү.

- Бу кызың эмне деген адам болду ыя, улам эле бирөөнө тийе береби? - деди ачуулуу карап кемпирине, - Элди карай албай калдык го, жалгыз кызыбыз болсо, улам эле эшигибизге куда келсе, - Сагынбек ачуусун кемпиринен чыгарган болду.

- Атасы-ы, сен эстүү эле жан элең го, көздүү мончок жерде калбайт деген, анын үстүнө тигил күйөөсү аларга тынчтык бербей койбодубу, мунусу баланын атасы экен, бир ачууңду мага берип кызыңа ак батаңды бер эми, ылайым эле бактылуу болуп кетсин, - Селки жүйүртө басып күйөөсүнүн жанына отурду, - Кундуздун бактысыз болгонун каалабассың дейм атасы.

- Эк, келжиребей ары барчы!

- Кантип өзүңдүн кара чечекей балаңа жамандык каалайсың, өзүң жаш болбой ушул бойдон жаралдың беле, Сапар экөөң балдарга тоскоолдук жасадыңар, бул жаштыктагы өз башыңардан өткөн окуя эмей эмне ыя, эми таптакыр эчтеке башыңдан өтпөгөнсүп балаңды кечкенге даярсың, мейли кечип жибер, бирок ушунуңду кудай кечирээр бекен?

- Эмне деп жатасың бу сен? - Сагынбек аялын ормое карады.

- Кундузум башкача жан, аны сүйсө сүйөт, ал ага татыктуу, ургаачы болгондон кийин ишээнчектиги бар, жумшак назик дагы, Эрнис экөөнө каршылык кылбаганда бактылуу жашамак, сен кандай кызыңдын ал-абалына түшүнбөйсүң? - Селки көз жашын сыдырып алды.

- Байбиче, мен чыны өтө катаалдык кылдым окшойт, - деди кемпирин карап, - Келээрки жумада күйөө баланы үйгө чакыралы, балдарга айт, - деди көптөн кийин.

- Ошентсең ботом, жаштыкта жаңылбаган ким бар, сулуулуктун курманы болуп калды, ак батаңды бер атасы, атанын сөзү ок деген...

- Бербей анан, Кукума ак батамды бербей анан, - деп Сагынбек өзүн-өзү күнөөлөп жашый түштү, - Пендемин да-а, эл алдында уят кылды деп жүрбөйүнбү, ырас эле жаштыкта кимдер гана жаңылышпайт, - Оор дем ала күрсүнүп алды, - Күйөөсү дурус бала го кемпир?

- Бизге эмне атасы, Кукунумдун жүзү жаркылдап бактылуу болсо болбодубу, ошонун көз жашын көрүп мен дагы беш жыл бою куурадым.

- Кой кемпир, менин каталыгым, - деп Сагынбек унчукпай калды, алар кыз-күйөөсүн чакырып алмакка камынып калышты, Дуулат болсо Кундузду түндөп алып кетип Канатбектикине келип нике кыйдырды, эл чакырып той өткөрдү, Самат болсо Заирбекти дагы эле байке деп жүргөн. "Каракурт" жөн жатпай Дуулаттын артынан киши салып үйлөнгөнүн билди, алар кайра шаарга келген соң чакырып алды. Бийик кабагын көтөрө жаткан жеринен өйдө болду.

- Келдиңби?

- Ооба, келдим босс.

- Балам, мен сенин иттигиңди эбак кечкемин, сен "бала арстан" болуп менин ордумду басышың керек, - деди күрс-күрс жөтөлө.

- Ооруп жатасызбы?

- Менин дагы күнүм бүтүп баратат окшойт? - "Каракурт" крим дүйнө өкүмүнүн үнү дирилдей түштү.

- Ооруканага... - аны Каракурт колун көтөрө токтотту.

- Жок, ашыкча сөздү айтпа, кудаанын алдына өз ажалым менен кетээриме кубанып турам, кектин арты көкүтүп киши колдуу болуп өлбөсөм эле болду балам, - Онтоп алды, - Андан көрө мени балдарыма бир жолуктур, бир көрүп анан моюн сунуп кетүүмө болот.

- Эки күн мурун жакшы эле эмес белеңиз, кандайча ооруп калдыңыз, балким дарылансаңыз...

- Жок, сөздү көбөйтпө, качан алып келесиң?

- Сиз айтканды аткарайын.

- Бүгүн жөнө, эртең түнү менин бөлмөмө арткы жашыруун эшик аркылуу киргиз.

- Жарайт, анда кетейин.

- Бар, бирок сак бол.

- Макул, - деп коюп чыгып кетти, эшиктеги жандоочтор ага жол бошото беришти. Дуулат унаасына отуруп жөнөдү, ал өз үйүнө жашагандан корко баштады: "Эгерде Кундуз менен уулума зыяны тийсечи, анда кандай кылам, мүмкүн Каракурттун ордуна отурсам эч кимиси даай албай калат, ал үчүн жанагы "дөңгүттөрдү" колго алышым керек", - деп "Каракурттун" эшик тосоорлорун ойлоду. Ал Кундуздарга жолукпай эле Нарын тарапты көздөй жөнөдү, Арип менен Шарип апасынын кийинки атасынын элинде калып калышкан. Кеч күүгүмдө ал дарбазаны какты да бир нерсени айтып тез эле экөөнү түн ката алып жөнөдү, таңга жуук арткы эшиктен экөөнү ээрчитип кирди, "Каракурт" көз ирмебей жаткан эле, дабышты угуп башын көтөрдү, ал биринчи келе жаткан уулун көрүп өзүнүн жаштыгы көз алдына тартылды:

- Арип, Арипсиңби?

- Ооба, сиз...

- Менмин балам, мени кечиргиле...

- Ата, баары унутулган.

- Ата, - деди Шарип.

- Балдарым, мындан ары силердин тынчыңарды эч ким албайт, - Онтоп Дуулатка башын буруп: "Алып кел", - дегендей болду эле ал бир бөлмөгө кирип чоң сандыкты сүйрөп чыкты, ал дөңгөлөктүү темир сандык эле, - Ач деди анан.

- Ата, бул эмне? - деди Шарип, бизге мынча байлыктын кереги жок.

- Уулум, бул менин өмүр бою силерге деп жыйган дүнүйөм.

- Андан көрө көп адамдын бириндей эле жаныбызда болсоңуз болмок, баш кесердин кан менен тапкан байлыгы жакшылык алып келеби?

- Уулум ай! - деп алды "каракурт", - Мени тыңдагыла, силерди эч ким билбейт, силерге бул менин калтырган мурасым, - деп кайра Дуулатка кайрылды, - Эч кимге көргөзбөй узат!

- Жарайт, - деди да сандыкты сүйрөп чыгып унаасына салып, эки бир тууганды коштошкон соң алып чыгып кетти, бул сырты көргөнгө комсоо көрүнгөнү менен ичи кирсе чыккыс жер үйдүн алды өзүнчө эле хан сарайдан кем эмес. Кайра келип анын жанында отурду, ошол күнү кечинде ал көз жумду, өлөөрүндө аны өз ордуна коюп кетти, крим дүйнө мүчөлөрү кайрадан: "Бала арстандын" пайда болгонун угуп дүргүп калышты. Анын качан бөлмөсүнөн чыгып, качан келгенин эч ким көрбөйт. Керектүү маалыматтарды телефон аркылуу гана алат, жолукчу адамдар болсо ага алдын ала айтып тургандыктан ошол убакта ордунда болуп калат. Анын жаңы ысымын эч ким билбейт, үйүнө келгенде карапайым гана адам болуп жашоо улана берди, жыл айланбай Кундуз уул төрөп алды, Дуулат кубанып Султандын иниси Актан деп койду. Бирок анын жашоосу өтө кооптуу болгондуктан айылдагы ата журтуна кабат үй салып аялы менен балдарын көчүрүп ийди, өзү ошол эки кабат заңгыраган үйдү кээ-кээде байырлап калат. Жашоо улана берди, Кундуз сары санаа болуп Дуулаттан коркуп жүрдү, бирок баары бар, бакыт дегендин чок ортосунда бөлөнгөнү менен ойношу сыяктуу түн катып келип кайра түн катып кетет: "Ушуга дагы шүгүр", - деп алат Кундуз. Гүлжигит Кундузду таппай калган соң баягы Гуляга үйлөндү, бирок аны менен дагы жашай албай ажырашып кетти, дагы үйлөндү, бирок жолу болбоду, акыры Орунбү ага өз айылынан күйөөдөн чыккан келинди алып берди. Фаризат жоош момун келин болчу, жыл айланбай кыз төрөп берди. Бирок Гүлжигит Кундузду унута албай жаман абалда болуп жүргөндө: "Бала арстан", - деген крим дүйнөнүн башчысын өлтүрүп кетиптир, - дегенди угуп таңгалды. Кундуз бул тажыяга катыша албады, анткени аны өзүнөн алыстатып балдарына зыяны тийбесин деген ойдо болду. Кундуз ыйлап-сыктап кала берди, Канатбек менен Муратбек ага куран окутушту, алар ачык айта алышпады. Кийин Кундуз шаардагы үйдү сатып башка жактан үй алды, ошол учурда ал Дуулаттын кийим кечесин жыйып жатып ыйлап отурду, ошол убакта эсине келип жер төлөнү эстеди, жанында Султан менен Актан бар, үчөө жер алдына киришип анда толгон буюмдарды көрдү, түрлүү кымбат баалуу терилердин баары турат, алардын арасында чакан темир сандык турган. Кундуз аны ала коеюн десе салмактуу экен, кай жагынан кулпуланганын таппай жатып көптө гана тапты. Ачып көрүп оозу ачылды, анда алтын жасалгалары, баалуу шуру мончоктор жаткан экен, эң түбүндө жалаң доллардын ириги. Кундуз кечке чейин үйүн көчүрүп бүтүп түндөп баягы сандыкты салып кетип жатканда анын бараткан унаасын эки жагынан эки кара машина тосуп алды.

- Түшүңүз, - деди биринен түшкөн адам орой.

- Эмнеге, силер кимсиңер? - Кундуз коркуп кетти.

- Сөздү кыскарт, түш машинадан.

- Мен силерди тааныбайм, - Кундуз колун тартып алды, ошол убакта айдоочуну бири башка чапты да жерге тартып түшүрүп унааны айдап жөнөдү, ошол бойдон Кундуз кабарсыз жоголду, балдары таятасыныкына корголошту. Ыйлап-сыктаган Селки эң кичүүсүн эптеп өзү багып жатты, ал кыз, Кундуздун эле өзү. Ошентип беш жашында: "Мени таштаба апа", - деп ыйлаган Султан апасынан айрылып ини-карындашы менен жетим калды, ал өтө тике, чыйрак жана өз оюндагысын ачык айткан кашкөй болуп өсүп бараткан, азыр он жашта?

- Тайне, апама эмне болду экен? - деди арадан бир ай өткөндө.

- Билбейм балам, келип калаар...

- Качан келет, атамды өлтүргөндөр өлтүрүп коюшсачы?

- Ок, андай жаман сөздү айтпай жүр, аман-эсен келсин деп тилечи балам, - деп Селкинин каңырыгы түтөп турду, Актан анча билбейт, төрт жашта. Султан үйдү айлана барып: "Апа, мени таштап кайда кеттиң, Актан менен Зулайканы мага таштадыңбы, атамды өлтүргөндөр сени дагы өлтүрүп койсо биз кантебиз, апаке бизди таштай көрбө, жетим калтырба", - деп ойлонуп ыйлап отурганда кеч кирип бараткан, үйдүн жанына кара машина токтоп Кундуз түштү.

- Апа! - деп Султан жүгүрүп барды, - Келдиңби апа, бизди таштап эч качан таштабайм дебедиң беле? - деп кучактап калды.

- Уулум, мен силерди таштабай калайын, - Кундуз аны өөп үйгө кирди да апасы менен жашыруун сүйлөшүп кайра түндөп кетип калды. Ал крим дүйнөнүн эң туу чокусу болгон Дулат (бала арстан) Заирбек, үчүнчү аты "Карадөө", - деген ат менен эки жолу өлдү делип өз атын өзгөртүп карышкырга айланган өз күйөөсүнүн жанында эле. Көп өтпөй эле өзүнүн ордуна бирин коюп, тынч өмүр сүрүүнү көздөп айылына бет алды, андан кийин үй-бүлөөсүн алып биротоло Америкага кетип калды. Кундуздун ата-энеси узатып кала беришти. Бул жашоонун туңгуюк сырлары чечилбеген бойдон чындык ачылбаган сыяктуу эле алар менен элдин эч кандай иши болгон жок. Болгону Сагынбектин үй-бүлөөсү кескин байып кеткенин байкашты, бул дүйнөдө баардык нерсе болуп өткөндөй эле бир өмүр кайда болсо дагы өтө берет эмеспи, телефон менен байланышып турат. Канатбектерге айылдагы үйүн тапшырып койгон, аларга дагы телефон чалып турушат, бир кызы, эки уулу менен Американын чет жакасынан үй алып, өздүк документин которуп ошол жердин жараны болуп жашап жатканына көп эле болду, элине келүүгө зар, беш жыл болсо дагы кылымдап чет жерде жүргөндөй өз элине, жерине сагынычы күч болуп өткөнүнө өкүнүп турган кези. Жетимчиликтин зыянын тартканы көңүлүнө көк таштай тийген эле...

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз