Айгүл ШАРШЕН


"Абийир соту"


Жайлоонун түркүн гүлдөрү адамдын көңүлүн сергиткен салкын абасына кошулуп жыпар жыты аңкып, тоолору заңкайып көңүл кушун көтөргөн маал, Алима секелек кыз, ата-энесинин сүйкүмдүү эрке кызы. Жапар менен Шекеркүл эки кызын көкүлүнөн сылап, көңүлүнө карап өстүрдү, улуусу Салима турмушка чыккан, жыл айланбай эгиз төрөп алган, күйөөсү Данияр экөө бакытка балкып турган чагы, сүйүүдөн тамган эки тамчы алардын өмүрүндөгү эң чоң кубаныч эле. Салима мугалим болуп иштейт, Шекергүлдүн сиңдиси Анаркүл дагы шаардагы мектептердин биринде мугалим, жалгыз баласы бар, күйөөсү жөнөкөй айдоочу, Салимага барып уулдарына каралашып турат. Убакыт өткөн сайын балдар көзгө көрүнүп балпайып ата-энени кубантып турган кези, Шекеркүл Алиманы ээрчитип неберелерине бешик алып келди, бирине коляска алып экөөнүн бажырайган күлкүсүнө эбедейи издилип турду. Алима көтөрүп улам бирин алып эркелетип тунук таза сезиминде эже-жездесине дагы эркелей кетет. Жапардын колунда бар, мал менен тоодо, кышында короого кармайт, бар тапканын эки кызына арнайт, бар өкүнүчү артында туяк калбай, уул көрбөгөнү, бирок эки кызынын барына шүгүр кылып алат. Убакыттар өтүп эгиздер тамтуң басып калганда Салима менен Данияр келип Алиманы алып кетишти, ал сегизинчи класста окуп калган эле. Шаардын аптабынан ал кабат үйдө отура албай балдарды алып паркка көп чыгат, бирин коляскага салып бирин жетелеп алып абдан кыйналып кайра тез эле келди. Данияр анын экөөнө жетише албасын байкап өзүнүн эжесинин кызын алып келди, ал экөө оңуп эле калды, Зейнеп өтө шойкомдуу кыз, арыдан бери жигиттер менен тааныша коюп, Алиманы дагы тааныштыра коет. Нарындын бийик тоолорунда кой кайтарып, салкын абасынан дем алып эркин өскөн кыз шаардан тумчугуп кетти, анын кетем дегенине Салима көнбөдү, ошол арада Шекеркүл келип аларды үйүнө алып кетти. Окуу башталаарда аны шаарга окутабыз дегенине көнбөй чатак чыгарды Алима, ошондо анын жаштык таза сезими бир шойкомдуу сездиби, аттиң ата-энеси аны жибербей койгондо балким баары башкача болмок, бирок...

Алима шаарга келип окуп калды, Асан-Үсөн кадимкидей басып, чулдурап сүйлөп калган, ошол кезде Салима катуу ооруп калды, анан ички органында жарааты бар экенин айтты врачтар, ооруканага жатып дарыланмак болду. Жапар аялына балдар менен Алиманы айылга алып кел деп жөнөттү, кайрадан өз мектебине окуп калды, Шекеркүл тез-тез барып кызын көрүп турат, көпкө жатып ооруканадан чыккан Салима ата-энесине келип бир аз күн жүрдү да кайра шаарга алып кетмек болду эле Алима так секирди:

- Улам эле ар жакка окуп жүрө беремби, эми барбайм!

- Алима, мен ооруп калдым, болбосо келбейт элеңер, менин сенден башка таянаарым барбы, эми иштей албайм, өзүм үйдө болом.

- Эже, мектептен которула бергенде окуум кантет, мен дагы окушум керек го, бир жерден бүткөнүм жакшы эмеспи.

- Кызым, - Шекеркүл Салиманы карады, - Асан менен Үсөндү деле бизге коюп кой, Алима биерде бүтсүн, сен өзүңдү жакшылап кара кызым.

- Апа, балдарымдан алыс кантип жашайм? - Салиманын көздөрүнө жаш айлана түштү, - Оорум оңой эмес, кокус...

- Ок антпе садага, буйруса сакайып кетесиң, жаман ойдон алыс болчу кагылайын, - Эне кызына үйрүлө карады.

- Көк бооруң, жоон ичегинин баарын жара басып кетиптир дейт апа, бул оору кайдан пайда болгонун билбейм, өлгөнчө балдарым кашымда болсунчу? - жеп жашын төгүп ий генде Алима эжесин барып кучактап калды:

- Эжекебай, антип айтпачы, мейли окубасам жок барам, - Өпкүлөп ийди, - Ооруңдан сакайып кетесиң эже.

- Билбейм, азыр тамакты ылгап ичип дарыланууну улантып жатам.

- Үмүтүңдү өчүрбө кызым, адам ооруну жеңем деп өзүнө ишенүүсү керек, сен ооругуча мен ооруюн, ушул экөөңөрдүн жамандыгыңарды көрбөсөк экен, - деп эмшиңдеп калды Шекеркүл.

- Апа, ар бир башта бир өлүм деген, ата-баланын өмүр жашы өз-өзүнчө да, эне-ата балага, бала ата-энеге өмүрүн бере алмакпы, мен дагы өз пешенеме жазганын көрөөрмүн, - деди Салима салмактуу, токтоо боло калып. Жапар кирип келип кемпиринин жашып отурганын көрүп:

- Кемпир, сага эмне болду? - деди.

- Эмне кылайын чал, Салиманын оорусу жүрөгүмдү түшүрүп койду.

- Кудай сактасын, кызымды Америкага чейин дарылатууга алым жетет, мен ушул базарда мал сатайын, догдуруңа сүйлөшүп чет өлкөгө жолдомо алалы.

- Ошентсе болоор бекен чал? - Шекеркүл чалын үмүттүү карады.

- Болот, жанагы айыкпаган ооруларды айыктырып жатат го, акчаң болсо эле баары болот кемпир, бул малды мен эмнеге багып жатам, пайдасы тийбесе...

- Ата, убара болбогула, дарылаган, убактылуу гана дейт.


- Эмнеге кызым? - Жапар чоочуй карады.

- Менин оорум өтүшүп кетиптир, тамакты ылгап ичип өзүңө карай бер деп койду врач, - Салима буулуга жашка муунуп айтты муну. Ошентип Алиманы эки уулун караганга алып кетти, Жапар өзү врачка барып сүйлөштү, бирок ага врач эч кандай пайда жок экенин, диета менен гана көпкө чейин кармаса болоорун айтып жөнөттү, бирок Жапар тынч жатпай көзү ачык, тамырчыларга көрсөтүп жатты...

Алима ошол жылы сегизинчи классты эптеп бүттү, жазда кайра айылга келишти, Салима болсо арыктап оорунун азабынан соолуп баратты, Данияр аялына үйрүлүп түшүп эртели кеч жанында, тамырчылардын айтканын жасап жан аргасы кылып күн өтө берди, арадан дагы эки жыл өтүп Алима бой жетип керилген кыз болду. Асан-Үсөн текилдеп сүйлөп калган, Салима катуу ооруп ооруканага жатып калды, Алима кечке балдар менен алек, тамак жасап, кир-гокторун жууп жаны тынбайт, Данияр үйгө кеч келет, ал бир ишкананын шоопуру. Кеч келгенде тамагы даяр, Салиманын айыкпас дартка чалдыкканына кейигени менен баралына келип, толукшуп турган балдызына көзү түшүп калды. Ошол күнү атайын, "снатфорный" ала келди, анткени Алиманын туулган күнү болчу, бирок ал күнү Шекеркүл менен Жапар экөө тең келип калды, тамак асып кызына алтын сырга алып берип жаңы гана келишкен. Данияр арам оюн ишке ашыра албады: "Салима билбей калат, эжеси өлсө сиңдиси бар эмеспи, ансыз деле Асан менен Үсөн Алимага көнүп калды", - деген ойдо болгон Данияр кайната-кайненесин көрүп жалган күлө учурашты:

- Салимага барып келдик балам, эки күндөн кийин чыгарабыз дейт, эс алсын деди, - деп Шекеркүл үшкүрүп алды.

- Мен дагы бардым, жылыш жок дейт, - Данияр башын жерге сала Алимага көз кыры менен карап койду.

- Бүгүн Алиманын туулган күнү, он жетиге толду, - деди кайра Шекеркүл.

- Оо куттуктайм Алима, билгенимде белек алып келет элем.

- Жезде, мага берген белегиңиз болсун, эжемдин аман-эсен болушун эле тилеңизчи, - деп Алима муңая карады.

- Аны кантип тилебейин, колумдан келсе го...

- Кудай десек сакайып кетээр.

- Кой анда, мен бир нерсе алып келейин, - деп Данияр чыгып кетип кайра торт көтөрүп келди, эки уулу эки жагынан чулдурап таттууга тегеректеп калышты, алардын энесинин оорусу менен иши жок бейкапар наристелер да, жөн гана карды тоюп, ойногондон башка ой жок эле.

- Ата, мага бейчи.

- Мага бейчи ата.

- Мына уулум, муну сага, - деп Данияр аларга кесип карматты. Жапар менен Шекеркүл бир жумадай туруп анан Салима ооруканадан чыкканда кетишти, Алима эжесине мүнөз тамак жасап, өздөрүнө башка жасап, кайра балдар менен алек, бир үйдүн түйшүгү жонунда. Анаркүл күйөөсү экөө Салиманы көргөнү келишиптир, аркы-беркини айтып, дарыгерлердин кай жерде күчтүү экенин, мындай ооруну ким кандай дарылаганын айтып отуруп анан кетишти. Алар кеткенден кийин Салима ойлонуп жашоого үмүт кыла дагы башкага көрүнгүсү келип: "Данияр келсе ошол көзү ачыкка барып келели деп айтайын, балким жакшы болуп кетээрмин", - деп ойлоп кечинде келген күйөөсүнө айтты эле ал каршы болгон жок. Экөө эртеси эрте чыкты, кытай доктурга келгендердин саны арбын экен, кеч көрүнүп оорусуна дабаа боло турганын угуп кубана Даниярды карады.

- Данияр, уктуңбу сакайып кетет экенмин.

- Болсун жаным, болсун шыпаа болуп кетсе жакшы эмеспи.

- Бүгүн кал деди, эгерде бүгүн түндө укол жагып калса бир жума жаткырат экен, - деп Салима кубанып турду. Данияр ал догдур менен сүйлөшүп анан Салиманы элдердин арасынан орун таап жаткырып коюп кайра кетти, эртеси келсе ал дагы кубанычтан жүзү албыра күйөөсүнө кобурап турду.

- Өзүңө кандай сезилип калды, ийне сайганынан пайда болчудайбы?

- Түндө ооруган жок, эртең менен дагы сайды, буйруса дартыма дабаа болот окшойт.

- Ошондой эле болсун.

- Бир жумада анык билинет экен.

- Анда мен акча табайын.

- Атама барып айт, акча беришет, бир жумадан кийин чөп берет экен, ошону жыйырма күн ичсем дагы жакшырат.

- Мейли анда, мен бүрсүгүнү келем, - деп аялын эки бетинен өөп алып жөнөдү, ошол дарылануу ага бир топ жардам берди, Алима болсо балдарды карап үйдө, Даниярдын ага болгон сезими жанын жай алдырбай ар күн сайын түн уйкусунан ойгончу болду. Бир күнү кечинде банкага суу куюп ага снатфорныйдан кошуп койду, анан байкап турду, Алима аны байкабай жутуп алып заматта жыгылып түштү, балдар уктап жаткан, Данияр аны көтөрүп барып көйнөгүн көтөрүп балжууран аппак денесин көпкө карап турду да напсисин токтото албай өз максатына жетти, кыз эч нерсе билбей шалактайт, кайра кийимин ордундай кылып өз ордуна жаткырып коюп бөлмөсүнө кирип жатып алды. Эртең менен балдардын дабышынан ойгонуп бүт денесинин ооруп калганын, эки ачасынын ачышып калганына таңгалды: "Суук тийип калса керек", - деп ойлонуп жуунуп балдардын кардын тойгузду, бул убакта Данияр кетип калган, андан кийин дагы эки-үч жолу кызды өзү билгендей кылды, бирок Алима ойлонуп отуруп түш көргөн сыяктуу элес булас эсине бир нерселер келгенде жүрөгү оозуна тыгылды: "Жездем мени зордуктадыбы, кантип билбей калдым, бул жөн эмес, мага бирдеме берген болсо керек", - деп өзүнөн-өзү кыжаалат болуп жүрдү, бир күнү дагы жатканга камынып жатып суу ичмек болду, ал бала кезинен көп суу иче берчү, ашканага кирип келе жатып шылдыраган үндөн токтой калып акырын гана багып караса банкага суу куюп, колундагы шишеден бир суюктукту кошуп жатканда боюн тартып артына качып ваннага кирип кетти, Данияр эч нерседен капарсыз гана бөлмөсүнө кирип кеткенде: "Бетсиз, сен менин абийиримди төккөнү жүргөн экенсиң", - деп банкадага сууну жыттап көрсө бир башкача жыт мурдун өрдөй көзү тунара түштү, саал сендиректеп барып өзүн кармана сууну төгүп, чайкап туруп өзү таза сууну алып ичти да банкага суу куюп коюп жатып алды, бир кезде уктай албай ойгоо жатса эшикти акырын ачып кирип аны эч нерсе билбейт деген ойдо жанына келип отуруп өпкөнүп эңкейгенде:

- Бетсиз! - деп Алима жаакка чаап ийди.

- Алима! - Даниярдын көздөрү чакчая түштү.

- Бети жок, жүзү кара десе! - деп тура калганда Данияр эмне кылаарын билбей алдастай түштү.

- Алима, мени укчу, укчу мени.

- Бас жаагыңды, сендей акмакка баш кошкон эжемдин маңдайы шор экен, чык бети жок, азыр милиция чакырам! - дегенде Даниярдын оюна бир жаман ой келе калды: "Муну өлтүрүп талаага алып барып таштасам ким билет эле", - деп оозун басканда ойгонуп Асан бакырып ийди.

- Ата-а!

- Болду балам ыйлаба, - деп кызды кое берип туруп кетти, Алима ыйлап түнү бою үшүгөн жалбырактай соолуп турду, жан-дүйнөсү жабыркап өлөйүн деп өлө албай таң атырды, эртеси Данияр туруп кетип эки-үч күнгө чейин келбей Салиманы алып келип калды. Алиманын кабагынын бүркөө экенин көргөн Салима сиңдисине:

- Алима, эмнеге көңүлүң жок? - деди.

- Эжекебай, негедир ооруп турам.

- Менин сакайып баратканым сени кубантпадыбы, карачы кандай болуп калдым, буйруса жыл бою ошол кытай догдуруна көрүнсөм так айыгат экенмин, - деди Салима күлмүңдөй.

- Аябай кубанычтамын эже, ушул балдарың үчүн сак-саламатта болуп ылайым эле көп жашачы, - деп Алима эжесинин моюнунан кучактап өөп эркелей жаркылдап күлө карады, - Менин сенден башка эмнем бар эже, эки көздөй болуп бири-бирибизге карабаганда ким карайт, атамдардын да бизден бөлөк эч кимиси жок го?

- Алтыным десе, менин өбөк-жөлөгүм, силер болбосоңор мен кантет элем, силер мага канчалык демсиңер, - Салима сиңдисин өөп-өөп алды, - Сен оорудум дей көрбө алтыным, оорунун азабын мен тартып жатам го?

- Сакайып кетесиң эже, - Алима кайра кабагын бүркөдү, - Эже, мен айылга барып жүрүп келейинчи.

- Асан-Үсөндү эмне кылабыз?

- Алар сени сагынды эже, өзүң менен болсун, он чакты күндө кайрылып келем да, - деди Алима, ал жездесин көргүсү келбей, эжесинин жүзүн караган сайын кечирилгис күнөө жасагандай кыжаалат болуп, ызадан ыйлагысы келип: "Кайсы бетим менен бир тууганымдын бетин карап жатам, мендей акмактын кылыгы билинип калса эжекем ажалсыз эле өлөт го, өзү араң турса ушундай жүзү каралыкты көтөрө алабы", - деп ойлонуп жатты, Салимага эки уулу алмак-салмак эркелеп, бири аркасынан кучактаса, бири алдына отура калып кужулдап жатышканда ал алаксып өзүнчө эле бакытка бөлөнүп турду:

- Секеттерим менин, силердин ырысыңарга кудайым мени аман сакайтып койсо, силердин жигит болгонуңарды көрсөм арманым жок эле...

- Апа, эми кетпейсиңби? - деп Асан аны мойнунан кучактап алган.

- Апам эми кетпейт, бизди сагынды да, - Үсөн ага карады.

- Биз дагы сагындык ээ? - деди Асан, - Апа эч жакка барбайсыңбы?

- Жок каралдым, силерден бөлүнбөй калайын, - Салима ойлуу телмире түштү, - Аттиң, пенденин өз эрки болсо кана, кудайым өзү билет экен да-а, ушуларымды томсорто көрбө жараткан.

- Апа, эмне деп жатасың? - Үсөн апасын суроолуу карады.

- Жөн эле уулум, мен жатайынчы, чарчадым окшойт, ойной койгула.

- Жатасыңбы эже? - деди Алима корккондой кабатырлана.

- Ооба, башым айланып кетти.

- Көп ойлоно бербечи, кайра ооруп каласың, - Алима калың кылып төшөк салып, бийик жаздык койду, - Бир аз эс ал, тамак жасайынбы?

- Тузу жоктон көңүлүм калды, бир аз салып жасачы.

- Макул, апам алып келген жаш козунун этинен кайнатайынбы?

- Майлуусун салба.

- Мейли, - деген Алима эжесинин абалын көрүп жүрөгү шуу дей түштү: "Кудай ай, сакайып эле кетсе экен, башка бир туугандан бизде жок, экөөбүз өлсөк өкүрөөр эркек бир тууган болгондо эмне, атамдар болсо картайып баратат, кудайым жардам бере гөр", - деп ашканада тамак жасоо менен алектенип санаасы санга бөлүнүп жатты, ошол учурда Даниярдын эки досу аялдары менен Салиманы көргөнү келип калышты. Ал жайды сурашкан соң дасторкон үстүндө сүйлөшүп көпкө отурушту.

- Салима, баягыдан өңүң оңолуп калыптыр, буйруса сакайып кетесиң, - деди Сабиттин аялы Алтынкан.

- Ооба жакшымын, жан кейитип ооруганы басылып калды.

- Ушунусуна шүгүр деп отурабыз, дагы бир-эки айда мындан дагы жакшы болуп калат деди кытай догдур, - Данияр Салимага карады, - Кудай буйруса апабыз кадимкисиндей болуп калса балдарым болуп эч бир жумуш жасатпай багабыз ээ балдарым? - Эки жагында отурган балдарына күлө карады.

- Ооба да, мен кө-өп иш кылам.

- Мен дагы, апамды иштетпей өзүм багам, - Эки уулун карап алсыз күлүмсүрөгөн Салима кубанып жүрөгү алаптай түштү.

- Садага болоюндарым десе...

- Эч кабатыр болбо аяш, ооруну өзүңдөн алыс түрт тим эле, - Сабит тамашалай күлүп калды, - Менин апам айтчу, жакшы киши ооруса айылга барып келгендей, жаман киши ооруса көргө барып келгендей деп, ушу сен санаакор окшойсуң?

- Мен деле айтып жатам, көп ойлоно бербе деп, ойлонсо соо киши оорубайбы, - деп Данияр Сабитти карады, - Силер айтып койгулачы ошентип, балдарым менен менин бактыма аман-соо сакайып кеткени жакшы го?

- Ооба десең, ой-санаа жөнөкөй адамды ооруга чалдыктырат, - дешип Салиманын көңүлүн көтөрүп, жакшы ой-тилектерин айтып анан кетишти. Алар кеткенден кийин Салима кайнатма ичип жатып калды, оору аз-маз басаңдаган менен акырындап алсыз кылып баратканын байкабады, ал тынч уктап, жан кыйнаган оорусу басылганга үмүттөнүп калган. Эртеси Алима айылга кетти, ал кеткенден эки күндөн соң Шекеркүл келди, анткени ал такыр барбасын айтып ыйлап Даниярдын кылыгын апасына айтып салды эле, зымырайган эне ич күптүсүн ичине катып, ачуусу келсе дагы сыр билгизбей келип кызынын көңүлүнө карап ал абалын сурап отурду, ал убакта Данияр жумушунан келе элек болчу.

- Өзүңдү кандай сезип калдың кызым, жылыш болгону байкалабы?

- Ооба апа, баягыдай оорубай калды, уйкум дагы тынч.

- Садагаң кетейин десе, кудай шыпаасын берсин.

- Апа, кечээ күнү чоң энем түшүмө кирди.

- Ийи? - Эне чоочуп кеткенин билгизбей ормое карап калды.

- Ал мени менен бир үйдө отуруптур, ортодо бир тамактар бар экен, ал мени же дегендей болду, а мен болсо сугунуп жеп жатыптырмын, анан ал мага, сени өзүм алып кетейин дедим эле, чоң атаң кое тур деп жатат, деп кадимкисиндей мээримдүү карайт, мен болсо: "Чоң эне сени менен кетким келет", - десем "азыр кое тур, өзүм келип алып кетем", - деп кетип калды, - Салима күлүмсүрөп алды, - Мени таштап кетти апа, эгерде кошо кетсем өлөт белем?

- Ок, антип айтпа кагылайын, кудайы өткөрүп коелучу, мен барып атаңды ээрчитип улак ала келели.

- Койчу апа, Данияр деле бир улак алсын, силер эле кыйнала бересиңерби? - деп Салима оор дем алып алды, - Кээде эле жүрөгүм кысылчу болду.

- Кудай жар болсун садага, силерден мал эмес кара жанды да аябай калалы, сени ойлонуп атаңдын кан басымы көтөрүлүп кетчү болду байкуш, эптеп кудайым сени аман кайтарса эле болду.

- Апа, Алима эмнеге мен ооруп жатканда кетип калды? - дегенде Шекеркүл жооп айта албай саамга унчукпай чайнекти кармап чай куйган болуп алаксып калды, - Алиманын неге капа болгонун билбейм, ушундай кезде менин өбөк-жөлөгүм эле го?

- Ал дагы ооруп калыптыр, грипп болсо керек, эти ысып-күйүп жатып калды, - деди анан Шекеркүл.

- Балдарды карап кыйналса керек ээ?

- Ага деле кыйналбайт, жакшы болуп калса келет кызым, мен сага тамак жасайын, - деп туруп ашканага кирди: "Ниетиң гана куурагыр десе, эже-сиңдини оюнчук кылгысы келгенин кара, бүгүндөн калтырбай бул үйдөн карааныңды жоготпосом элеби", - дегени менен менин кызымды зордуктапсың деп айтуу ага дагы оор эле. Кечки тамагын ичкен Салима сыртта бир азга басып жүрүп анан кирип жатып калды, Асан менен Үсөн кечке ойноп кечинде бирдемени шам-шум этип эле уйкуга киришет. Салиманы жылуулап жаап коюп Шекеркүл Даниярды күтүп отурду, бир кезде унаанын үнү угулуп эшиктин алдына токтоткондо чыгып жетип барды:

- Сыйың менен азыр карааныңды үз!

- Апа!

- Бас жаагыңды жүзү кара, экинчи ушул үйгө келет экенсиң өзүм сени түрмөдө чиритем, көзүмө көрүнбөй жогол! - деди да эшикти жаап кирип кетти, Данияр эми сезди кандай кечирилгис күнөө кетиргенин, Салима сыркоо болбогондо бул чуу оңой менен басылбасын, кызын аяп жатканын түшүндү: "Демек апасына айтып койгон экен, болду эми балдарымды көрө албайм, жолотушпайт үйгө", - деп унаасын айдаган бойдон ачуулана жүрүп кетти, кетпеске айласы деле жок болчу. Анын бир карындашы, бир иниси бар, бирок алардын энеси башка, экөө тең каттабайт, кээде иши чыгып калганда эле келбесе кабар алып келбейт. Салиманын ооруганына эки жарым жылдай болсо дагы бир жолу көрүп коюшпады, Данияр өз каталыгын кеч түшүнүп досунукуна барды, алар тамактанып отурушкан эле:

- Оо кел Даке, караңгыда кайдан? - деп Темир жакшы маанайда тосуп алды.

- Келдим, - Оор күрсүнө отура кетти.

- Салиманын абалы кандай? - деди аялы Айнаш.

- Дурус эле.

- Эмнеге капасың? - Темир ага бир карап алды да: "Аялы кесел болсо көңүлү чөгүп келген го", - деп аялына кайрылды, - Айнаш, сен барып бирдеке алып келе калчы, Дакенин көңүлү чөгүп келиптир, бир жакшы отуралы.

- Мейли, - Айнаш дароо чыгып кетти.

- Кайненем менен айтышып калдым, - деди Данияр ал чыгып кеткенден кийин, - Үйдөн чыгып кеттим.

- Эмнеге, балким Салима үчүн ошентип жатса керек?

- Мен ооруткандай көрөт го, - деп жашырып койду Данияр.

- Кызык экен, анын дагы зээни кейийт да бечара, суйкайган жапжаш кызы көз алдында соолуп баратса...

- Темир, антип айта көрбө! - деп ийди Данияр.

- Кечир досум, чынында Салиманын оорусу айыкпас оору тура, сен эми чыда, айла жок эмеспи, ошону сен жамандыкка кыймак эмессиң, бирок кесел деген кесел да, ар ким кудайдын жазганына баш ийбеске аргабыз жок, - деди Темир эки колун жая, - Ашыкча айтсам кечир досум.

- Салиманын ушундай ооруга чалдыгып калаарын кайдан билдим, чынында өзүм дагы коркуп кетчү болдум, эки уулум энесиз калбаса экен Темир, - Данияр муңая шуу үшкүрүп ийди.

- Кудай боор ооруп жакшы карап койсо ажеп эмес Даке, осол сүйлөп алып өзүм уялып калдым, чынында кудайдын колундагы пендебиз да, - деп Темир ыңгайсызданып калганда бир бөтөлкө алып Айнаш кирди.

- Данияр көп деле келчү эмес эле, Салиманын ооруп калганына кейип турасың, жакшы болуп кетет капаланба, - деп отуруп жатып Темирге берди бөтөлкөнү, - Ал эми, Даниярдын көңүлүн көтөрүп коелу.

- Рахмат аяш, жакшы сөз жан сергитет дейт эмеспи, силердин жакшы сөзүңөр мага канчалык дем болгонун билесиңерби? - деп жылмайган болду Данияр, анын ички жан дүйнөсүндө балдарын көрө албай, алган жарына кара санаганы жүрөгүн өйүп турду, кантип айтмак эле, балдызымды зордуктап койгомун деп, анда ушул аяшы Айнаш дагы аны жугуштуу оору жуктуручудай үйүнөн кууп чыкмак. Күйөөсүнүн да жанына жолотпой аны маньяк катары көрмөк.

- Кел анда Даке, эң биринчи тостту Салиманы сакайып кетсин деген тилек айтып алып ийели, - деди Темир.

- Тилегибиз кабыл болсун, - деп айткан Даниярдын кекиртегине барбай бир нерсе такала калды: "Сакайса дагы эми мени жолотушпайт, өзүм дагы кантип көрүнөм, Алима айтпаса бир жөн эле, мен эми үй-бүлөөмдү жоготтум, ата-энеден жалгыз болсом, барсам жаркылдап тосуп алаарым болбосо кайсы арыма ичээр ашыма түкүрдүм, жаш кыздын убалына калдым, кечирилгис күнөө жасадым", - деп ойлонуп жатып зорго жутту, аны байкаган Айнаш:

- Көп эле ойлоно бербе, кудайым кулум десе, балдарыңдын ырысына Салима сакайып кетет, - деди жайдары карап.

- Ооба досум, кудай де...

- Амандыгы менин бактым, - Данияр андан кийин үч-төрт жолу катар-катар алып ийип кызый түштү, анан өзү айтпай чыгып кетип дагы бир бөтөлкө алып келди, кийинкисинде Айнаш кошулган жок, Темир экөө сүйлөшүп ичип отуруп кеч жатышты, ошондон баштап Данияр көп ичип калды, бараар жери жок кээде унаасынын ичине уктаган күндөрү болду. Даап үйүнө бара албады, сыркоо аялы менен мончоктой эгиздерин көргүсү келсе дагы кире албай сырттан айланчыктап кетип калат, арадан бир жума өткөндө Салима:

- Апа, Данияр эмнеге келбей калды? - деди капыстан.

- Билбейм кызым, аны ойлобой өзүңдү карачы садага.

- Ал менден үмүтүн үзгөн го, адам болбосума көзү жетип биротоло кеттиби апа? - деди үнү кардыга.

- Иштеп колу бошобой жатса керек кызым.

- Жо-ок апа, ал минтчү эмес...

- Кайдагыны ойлоно бербечи балам, биз үчүн сенин сакайып кеткениң гана керек, балдарың турат кагылайын, - деп Шекеркүл кызына жалбара карады, - Мен сенин маңдайыңда амандыгыңды, сакайып кетишиңди тилеп отурам го?

- Апа, кабатырланбачы, мурункудан жакшы болуп калбадымбы, - Салима күлгөн болду, - Кадимкидей болбосом дагы жан кыйнаган оорудан кутулдум...

- Ошентсең экен каралдым, экөөңөр деп атаң экөөбүз отурабыз го, Алиманы барып жөнөтөйүн дагы атаңа карайын.

- Мейли апа, бир аз күндө бутума туруп калам, - Салиманын кабагы бүркөлө түштү, - Даниярга эмне болду экен, кырсыктан сырткары болгой эле, анын күйөөрү дагы жок апа, менин силер бар бактым бар, ал байкуш...

- Келип калаар кагылайын, - деп койду Шекеркүл, бирок ал Даниярды уккусу да жок: "Садагам ай. Эриңдин эмне кылганын билсең кандай абалда калат элең түрү бузукту көтөрмөлөсө өзү тебилип жатпайбы, бириңе тартсам бириңдин көңүлүң ооруйт, атаң билбесе болду, аяксыз жоголсун ошол", - деп ойлонуп отурду. Бирок Салима күйөөсүн ойлонуп сары санаа болуп жатты. Сырттан машинанын үнү угулса кулак түрүп башын көтөрө калат, бирок карааны көзүнөн учуп дайыны билинбей жатты, ошол убакта үйдөн алысыраактан балдарын көрөмбү деген ойдо унаасынын ичинде телмирип отурган Даниярдын абалын ал кайдан билди. Кечке маал болчу, Асан сыртта балдар менен ойноп жүргөн, Үсөн эми чыгып келе жаткан:

- Ата-а! - деп Үсөн жүгүргөндө Асан анын артынан чуркады.

- Атам келди-и! - Экөө жүгүргөндө көрө калып Данияр түшө калды, жүгүрүп келип экөө тең кучактап калды, - Ата, каякта жүрдүң, мен сени сагындым.

- Мен дагы сагындым, каякта жүрдүң ата?

- Келдим балам, мен дагы силерди сагындым, - Данияр отура калып балдарын кучактап өпкүлөп көзүнөн жаш тегеренди, - Сагындым балдарым...

- Жүрү үйгө, апам дагы сизди сагынды, - Асан колунан тартты.

- Үйгө барасыңбы ата? - деп Үсөн атасын суроолуу карады.

- Ким бар үйдө?

- Тайнем бар, - деди Асан, - Жүрбөйсүзбү ата.

- Мен дүкөнгө барып бирдеке алып келе калайын, силер бара бергиле, - деп эптеп алдамак болду Данияр.

- Мен дагы барам, - деп Үсөн машинага отуруп алды, Асан анын жанынан кирди:

- Атам менен барып келебиз ээ?

- Ооба да, - Эгиздер бири-бирин карап кудуңдап алышты, ошол убакта Шекеркүл неберелерин карамак болуп чыга калып көрүп калды.

- Асан, Үсөн баскыла үйгө!

- Атам менен барам.

- Атам болуп кайра келебиз тайне, - деп Асан кыйкырганда ал үн дей албай кирип кетти, кокус дагы бирдеме десе балдар апасына айтып ийеби деп чоочулады. Ал күнү Данияр балдарына майда-чүйдө алып берип үйдүн жанына токтоп:

- Силер кире бергиле, мен артыңардан кирем, - деп алаксытты эле балдар кубанычтуу жүгүрүп кирип кетээри менен унаасын ордунан жылдырып кетти.

- Апа, атам алып берди!

- Мага дагы, апа атам келди.

- Кана, келдиби атаң? - Салиманын жүзү албыра түштү, - Качан келди балам?

- Жа-ана келген да, бизди машинага салып ойнотуп келбедиби.

- Азыр, мен атамды чакырып келем, - Асан сыртка жүткүндү.

- Мен дагы, - деп Үсөн кошо чыкканда Шекеркүлдүн дүнүйөсү тарып кетти, ата-баланын ортосунда өзүн күнөөлүүдөй сезип кетти, Асан менен Үсөн чыгып атасын таппай туруп калышты, саамдан кийин үйгө ээрчише киришкенде Салима:

- Келе жатабы? - деди суроолуу тигилип.

- Атам кетип калыптыр, - Асан кабак чытый сүйлөдү.

- Эмнеге үйгө кирбей кетип калды апа? - Үсөн апасына карады.

- Билбейм, - Салиманын да көңүлү сууй түштү: "Балдарга эле жолукканы келген экен, оорукчан аялдын ага эмне кереги бар, менден үмүтү үзүлүп башка бирөөнү таап алган го, болбосо келип калмак, мейли бактылуу болсун", - деп ары карап жатып алып ыйлап жатты, анын абалын көргөн Шекеркүл: "Кой буларды тирүүлөй бөлгөнүм болбойт, эртең мен кетейин, антпесем балдары да, Салима дагы жаман болот го", - деп ойлонуп турду, жүрөгү ооруду, аркы-беркини ойлонуп акылга салып таразалады, анан кечирилгис күнөө болбойт, кечирүү оңой эмес дегендей өзүн-өзү токтоо кармап кармап кызы үчүн тилин тишине катып сыр чыгарбоого бел байлады.

- Салима, эртең мен үйгө барайын, - деди кечки тамагын ичип отурганда Шекеркүл.

- Макул апа, атам дагы кыйналды го?

- Алиманы барып эле жөнөтөм.

- Кыйнаба апа, келгиси келбесе тим кой, - Салима ойлуу карады, негедир ушул тапта ал күйөөсү менен сиңдисинин ортосунда бирдеме болгонун сезди: "Балким экөөнүн бир сыры бардыр", - деп улутунуп ийди.

- Ал дагы кабатыр болуп жаткандыр, мен барсам ал өзү деле сени көргөнү келет, - деп сыр билгизбей койду эне.

- Менин балдарымды багам деп окубай да калды, анын мага таарына турган жөнү бар апа.

- Сенин акыбалыңды көрүп таарынмак турсун айласын таппай жатат кызым, бир тууганынын кеселдеп жатканына жүрөгү чыдабай үйгө ыйлап барды, эми кудайга шүгүр, минтип серейип калдың.

- Анысы дагы бар, менин айыкпас ооруга кабылганыма кыйналып жатса керек, кантейин апа, ушу оорудан сакайып кетсем...

- Ушунуңа шүгүр де кызым, үй ичинде басып калдың, өңүңө дагы кире түштүң, бу да болсо жакшы жышаан кызым, - Шекеркүл кызын жубата карап күлүп койду, - Садагаң кетейин десе сербейген.

- Жатайынчы апа, - Салима ордунан туруп бөлмөсүнө кирип жатып калды: "Данияр напсиси бузулуп Алиманы бузуп койгон жокпу, же экөө бири-бирин сүйүп калган болсочу, эмнеге экөө тең качат менден, Данияр балдарга жолугуп мени көргүсү келбей калганында бир иш бар", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Шекеркүл айылга кетти, эки бармактай бала ойноп кеткенде каңгыраган үйдө жалгыз калып ой туманы басып алаксымакка өйдө болду, эптеп басып босогого жетти, балдарынын карааны көрүнбөдү, тепкичтен тынып-тынып түшүп ылдый түшсө балдар менен ойноп жүргөн экен: "Садагаларым", - деп кубанып алды да кайра өйдө көтөрүлүп бара жатып буттары уюп тепкичтин кармоочуна жөлөнө калды, башы да тегеренип кеткен эле. Ошол учурда коңшусу чыга калып:

- Оой Салима поздравляю! - деп кармай калды, - Тебе лучшие?

- Спасибо, мне хорошо, - деп жылмайды Салима, ал аны сүйөп үйүнө киргизип коюп кетти. Ал эптеп ашканага кирип балдарына тамак жасамак болду эле муздаткычка даярдап өзүнө дагы тамак жасап коюп койгонун көрүп: "Алтыным апам ай, кокус болсом кантип көтөрөөр экенсиңер", - деп улутунуп алды, муздаткычтан тамагын алып отко коюп ысытып жатып бактылуу күндөрү эсине түштү, Данияр ар дайым ашканада тамак жасап жаткан жубайынын артынан келип аста кучактап:

- Жаны-ым, мен сени сагындым, - дечү.

- Кое тур, тамак бышсын, - Салима наздуу кыткылыктап бошонууга аракет кылат, - Менин сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Кана-кана бери карачы.

- Мына, чын айтам, - Күлкүсүн тыя албай качып жөнөйт.

- Шашпа сени, колума тийээрсиң, - Данияр өчөшө кубалап алат, Салима ага жеткирбей диванды айлана качып, колуна тийген жаздыкчалар менен ургулап күлүп жүрөт.

- Кармап эле көрчү, жетесиңби? - Тилин чыгара ээлектейт.

- Жетем эле, - деп Данияр дивандын үстүнө чыгып аны кармайм деп жыгылып калды, ал коркутмак болуп кыймылдабай калганда Салима жетип келип башын өйдө кылды:

- Данияр, көзүңдү ашчы, катуу тийдиби, коркутпачы мени, - деп ыйламсырап киргенде:

- Ба-а! - деп көзүн ачты эле.

- Данияа-ар, - деп эркелей кетти, - Коркуп кеттим.

- Чын эле коркуп кеттиңби жаным? - Данияр кучактап алдына алып отуруп алды, - Мени сүйөсүңбү?

- Аябай-аябай, аябай сүйөм! - Мойнуна колун артып өпкүлөгөндө ал аны көтөрүп диванга алып барды:

- Мен дагы сени сүйөм Сакиш...

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм Данияр! - деп ойлонуп туруп сыртына чыгара айтып ийгенин сезбей калды, ошол учурда Салиманын артында турган Данияр:

- Мен дагы сени сүйөм жаным, - деди коңур, тааныш үнү менен Салима бул жөн гана эстегендики деп ойлонуп:

- Ишенбей калдым, менден кача баштадың го? - деди да газга койгон тамагын аралаштырып кирди.

- Мен сени сагындым Сакиш, - деп Данияр анын артынан кучактап калганда гана чоочуй карады:

- С-се-ен, качан келдиң?

- Азыр келдим Сакиш, - Данияр жер карады.

- Балдар сыртта жүрөбү?

- Ооба, ойноп жүрөт.

- Менден түңүлбөдүң беле?

- Кайдан, антип жаман ойлобочу, - дегенде Салима күйөөсүнө көңүл бура карап жүдөп калганын көрдү, сакал муруту өсүп өңү азып калган экен, кийимдери дагы кирдеп көзүнө жаман көрүндү, - Кол бошобой эле жүрдүм, - деди көптөн кийин.

- Балдарды алып кел, карды ачты го? - деди Салима.

- Сен кыйналасың, өзүм жасайм отура бер, - деген Данияр шашыла чыгып барып балдарын ээрчитип кирди.

- Апа-а атам келди!

- Атамды көрдүңбү апа? - дешип экөө эки жагына жармашты.

- Көрдүм балам, колуңарды жууп келгиле.

- Атам эми кетпейби? - деди Асан кайрыла калып.

- Кетпейт атам, - Ага Үсөн жооп кылды, Салима менен Данияр бирин-бири үнсүз тиктеп тим болушту, балдар ваннага кирип жуунуп келип бойтое өздөрүнүн орундуктарына отуруп калышты, тамактанып жатканда эч кимиси үндөбөдү, Асан улам мурдун шыр тартып коюп ата-энесин карап бир нерсени сезгендей болот, төрт жаштан ашып калган балдардын оюнда эмне болмок, Үсөн дагы тамагын ичүү менен алек.

- Апа, кардым тойду, менин уйкум келди, - деп Асан ордунан турду.

- Мен дагы, - Үсөн дагы колун аарчый турду.

- Жата бергиле, - деди Салима.

- Атам кетпейби? - деди Үсөн.

- Кетпейм балам, уктай бергиле, - Данияр туруп барып балдарынын бөлмөсүнө кирип жаткырып кайра келди.

- Мен дагы чарчадым, - Салима турмак болуп бара жатып башы айланып жыгылып кете жаздады, аны Данияр кармай калды.

- Секин, али күчүңө кире элексиң, - Ордуна алып барып жаткырып кымтылап жанына отурду, - Дарыны ичип жатасыңбы?

- Ооба, - Салима бурулуп кетти.

- Мага таарынбачы жаным, шефтин жумуштары көп болуп туруп алды.

- Данияр, - деди ага караган бойдон Салима.

- Оов.

- Мен бир суроо берем, чыныңда айт.

- Сура, - Даниярдын оюна ар нерсе келип ою чар жайыт боло түштү: "Кайненем буга дагы айткан окшойт".

- Алима экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме болгонбу?

- Эмне дейсиң, кайдагыны айтасың? - Данияр далбастай түштү.

- Чыныңды айт, - Салима бери карап анын көздөрүнө тигилди.

- Өлөйүн, эч кандай эчтеме жок.

- Карганбай чын айт, көзүмө тике кара!

- Мына, карап эле турам, - Данияр өжөрлөнө карады.

- Мейли, - Салима чарчагандай үшкүрүп ийди: "Мейли, кудай бардыр, мен ооруп жатканда ошого барса жазасын алсын, Алима менден качпайт эле, бир сыр бар", - деп көзүн жумуп ойлонуп жатты.

- Эмнеге антип ойлондуң Сакиш? - деди көптөн кийин.

- Жөн эле, уйкум келди Данияр, сүйлөбөчү кудай жалгагыр, - деп онтой терс бурулуп кетти, - Кыйналып турам.

- Мейли, - Данияр сыйпалана бир аз турду да, - Сакиш, сени сагындым, жаныңа жатайынчы? - деди эңиле кулак тушунан өөп.

- Жок, эчтекени сүйбөй турам, - Акырын түртүп койду.

- Мейли, аман-эсен сакайып балдарым менен чогуу маңдайыбызда турсаң болду, - деп шагы сына каршысындагы диванга кийимчен жатып калды, аларды жатабыз деп бөлмөсүнө кирип кеткен балдар тыңшап турушкан эле:

- Апамдар урушту ээ? - деди Асан шыбырай.

- Атам келбей койсо урушат да, - деди Үсөн.

- Апам ооруп жатат да.

- Ооба, тайнем айткан, апаңарды аман айыксын деп тилегиле деп.

- Кел, жатып алып тилейбиз.

- Кел, - деп экөө ордуларына жатып алып көздөрүн жумуп алып жарыша:

- Апам оорубай калсын, аман болсун, - деп унчукпай калышты, ошол кезде алар эмнени ойлогону белгисиз, башка сөз таппай бири-бирин карап күлүп коюшту.

- Апамды мен жакшы көрөм, - деди Асан.

- Мен экөөнү тең жакшы көрөм.

- Атамды деле... болду уктайм, - деп Асан ары карады, бири-бирине эш боло балалык сезиминде кандайдыр бир бороон улуп жаткан эле. Данияр эрте туруп өзү тамак жасап, идиштерин жууп, үй ичин жыйыштырып анан Салиманын жанына келди.

- Кана менин ханышам, туруп мен жасаган даамдан ооз тийиңиз.

- Кое турчу, - деп коюп аздан соң туруп жуунуп ашканага кирди.

- Кел отура гой, мен сенин сүйүктүү тамагыңды жасадым, - деп Данияр жаркылдап күлүп келип Салимага орундукту жылдырып, эки бетинен өөп ийинден ала сүйөй отургузду.

- Данияр.

- Оов.

- Кокус сакая албай калсам...

- Андай дебе жаркыным, жаман ойду ойлой көрбө.

- Жок, эгерде өлүп калсам эмне кыласың?

- Сен эч качан өлбөйсүң жаным, эртең менен эрте андай сөздү айтпай жүр, - деп мурдунан аста чымчый эркелетти, - Андан көрө даамдан ооз тийсең, кандай жасаптырмын? - Алдына кайнатма шорпону коюп, кайра чай куюп алып келди, - Ушул бактылуу күнүбүздү кудай кут кылсынчы ардагым, өзүм жетим болуп өстүм, балдарыма андай күн келбесин.

- Ал кудайдын иши...

- Сакайып кетейин деп тиленсең.

- Апа, ата биз келдик, - деп Асан кирди.

- Оо алтындарым, уйку кандыбы? - деп Данияр экөөнү тең өөп анан, - Барып жуунуп келгиле, - деди.

- А биз жуунуп келдик, - деди Асан, экөө тең келип Салиманы эки жагынан өөп.

- Жакшы уктадыңбы апа? - деди Асан.

- Жакшы болдуңбу апа? - деди Үсөн.

- Жакшымын, эң сонун уктадым, садагаларым десе, - Салима жылмая карап күлүп мээримин чача, - Менин бакыттарым, - деди.

- Силерге азыр тамак берем, - Данияр алардын өз-өз идиштерине тамак куюп келип койду, - Кана ичкиле баатырлар.

- Ата, бүгүн каякка барасың? - Асан ага карады.

- Жумушка уулум.

- Келесиңби кайра? - деди Үсөн.

- Келем балдарым, келем сөзсүз, кайда бармак элем? - Кызаңдай күлүп калды, - Эрте келем ээ?

- Ооба, биз апамдын жанында болобуз.

- Ооба ата, биз апамды карайбыз.

- Садагаларым десе, балдарым чоңоюп калыптыр, - Салима алсыз жылмайды, - Менин балдарым азамат да, - Ушул кезде күйөөсүн карап эми гана байкады, Данияр эрте туруп сакал мурутун алып, жуунуп кийимин которуп алган экен.

- Ананчы, атасы менен апасына карайт да, - деди Данияр.

- Ооба, ушулардын бой жеткенин көрсөм экен, - деп муңая түштү Салима, - Кудайым боору ооруп коеор..

- Алтыным, башка сөз айтпачы, - деп Данияр өйдө турду, - Жумушка жөнөйүн, - Данияр туруп баратып Салиманы бетинен өөп чыгып кетти, анын зээни кейип бара жатты: "Мен акмакмын, сүйүп алган жарым минтип ара жолдо турса анын бир тууганына неге тийдим, ал мөлтүр таза булак эле, аны мен булгадым, жүрөгүнөн өчпөс так калтырдым, эгерде Салима билип калса өз ажалынан мурун өлөт, көтөрө албайт, кийин-кийин балдарым муну билсе аталыктан кечип коет, өзүмдүн жетим болуп өгөйдүн азабын тартканым аз беле, жакшы айтаар бир тууганымдын жогун билгизбей ата-энеси менин ата-энемдей болуп калганда иче турган кудугума түкүргөнүмбү, кандай айла кылып Салиманы сакайтып алаар экенмин, кечир кудай, күнөөмдүн жазасын өзүм эле тарсам экен, балдарым менен аялыма залакасы тийбесин", - деп рулда кетип жатып дагы ойлонуп чала-була көз жашы да кылып алды. Ал күнү жетекчиси аны сүйбөгөндөй мамиле жасап кечке маал ага минтти:

- Данияр, мындан ары сен бошсуң, мен башка айдоочу дайындадым.

- Эмнеге шеф?

- Ошондой, башка иш издей бер.

- Аялым ооруп жатат эки балам бар, жок дегенде бир-эки ай иштеп турайын, анан иш таап.

- Жок, сен көп ичип кеттиң, машинаң бар жан багасың, - деп басып кетти, дендароо болгон Данияр көпкө турду да үйүнө жөнөдү, ал жаман абалда калды, айлыгын жакшы төлөчү, анча-мынча шабашкасы дагы бар эле: "Баары бүттү, ишимдин кыйчалыштаганы ушул, эми мындай иш табылбайт, таксоват этсем болоор бекен, ансыз деле Салимага дары-дармекти өздөрү алып берип жатышпайбы, ичкен-жегенимди гана таппасам", - деп ойлонуп үйгө келсе сыртта Алима жүргөн экен: "Эми өлдүм, кайда барам деги, оорукчан аялымдын көңүлүн кирдетип албасам эле болду, Алима мени жеп ийгиси келип сездирип койбосо экен", - деп сары санаа болуп тепкичтен чыгып келе жатканда Асан көрө калды.

- Ата-а!

- Жыгыласың уулум.

- Эрте келдиңби ата?

- Ооба, эрте келем дебедим беле? - деп үйгө кирсе Салима өзү ашканада жүрүптүр, аны бурулуп карап жылмайып койду.

- Келдиңби?

- Ооба, - Кабагын сала кастюмун илгичке илди.

- Көңүл жок го?

- Ооба, бүгүн иштен бошотту.

- Эмнеге?

- Башка шоопур алдым дейт.

- Эми эмне кыласың?

- Билбейм, - деп отура кетти.

- Табылып калаар.

- Мен дагы ошентип ойлойм...

- Келиңиз, - деп Алима сырттан кирип жездесине суз учурашты.

- Өзүң кел Алима, - Данияр аялына эчтеке билгизбеш үчүн тура калып бакылдай учурашты, - Атамдар жакшы жүрүшөбү?

- Жүрүшөт, - Алима калыбынан жазбай башка бөлмөгө чыгып кетти, - Алимага эмне болгон? - деп койду Данияр аялына карап.

- Кайдан билдим, атамдар акча берип ийиптир, кайра эле эртең кетем деп жатат.

- Эмнеге, сага...

- Мен жакшы болуп калбадымбы, бир аз күчү жок тамак ичкенге эле алсызданып турам, болбосо жакшымын.

- Ошондой эле болсо болду, мен дагы иш издеп үйдө боло албай калам, балдардын карды ачып, сен кыйналып каласыңбы дейм да...

- Жан сыздаткан кесел жаман экен Данияр, жаның тынч, эч жериң оорубай эл арасында жүргөндөн өткөн бакыт барбы, ден-соолуктун кадырын ооруганда билесиң дегендей эле, мен эми билип отурам, - деди да отургучка отуруп үшкүрүнүп ийди.

- Эжеке, кыйналдың го, тим кой десе болбой кармалай бересиң, аман болсоң бул казан-аяк өзүңдүкү го? - Алима кирип келип анын бүтпөй калган ишин улантты, ал дагы Салиманы бирдекени байкап калбасын деп жаркылдай кирген эле.

- Кудай сактасын эми, мурункудан он эсе жакшымын.

- Ошондой эле болсун, - деп койду Алима.

- Сен эми өз каалаганыңдай иш кылсаң болот Алиш, менден кээде гана кабар алып турасың, Асан-Үсөндү карап окуудан калдың, эми иштейм десең иште, училищага тапшырсаң дагы болот, - деди ойлуу Салима, - Эми буйруса мен өлбөйм.

- Андай жаман сөздү айтпа деп канча айтам эже? - Алима эжесине бурулуп кабак чытыды, - Жаман сөздү жөн эле жаттап алгандайсың да, - деп эркелей келип эки бетинен өптү, - Мына-мына ушинтип күлүп өмүрдөн үмүт үзбөй жакшылыкты гана ойлоп жүрчү.

- Болуптур эми, экинчи андай жаман сөздү сүйлөбөйм, - Салима күлүмсүрөй карады, - Мага таарынычың жокпу?

- Койчу эже, эмнеге таарынмак элем, андан көрө мен медучилищага тапшырсам өтүп кетемби?

- Эмнеге өтпөйсүң, өтөсүң эле, атамдын үмүтү экөөбүз кыз болсок да эркек баладай дем берет деп экөөбүздү кубат кылганы, мен минтип ооруп калып аларды санаага салдым, - Салима улутунуп алды.

- Чынында бир эркек бир тууганыбыз болгондо эмне.

- Эгерде сен турмушка чыксаң биринчиң уул болсо атамдарга бер, алар өздөрүнө каттатып алсын, - деди Салима.

- Атасы береби анан? - деп күлдү Алима.

- Кеп ошондо-о, - деп Салима сумсая түштү, эже-сиңди көпкө-ө сүйлөшүштү, Салима чынында эле өзүн жакшы сезе баштаган, улам кытай доктуруна барып чөп алып келип ичип жатты, кийинки барганында ал башын чайкай минтти:

- Эми каалаган тамагыңды иче берсең болот.

- Эмнеге? - Салима көздөрүнөн кубаныч чачырай карады, - Каксыз айыгыптырмынбы, эми келбей койсом болобу?

- Ооба, келбей эле кой, - деп басып кетти, анан Данияр менен сүйлөшкөндө, - Мындан ары жардам бере албайм, оору өтүшүп кеткен экен, аракет кылдым, бирок убактылуу гана жардам берди, - деди алакан жая, - Жашаса бир жыл...

- Эми болбойбу?

- Жок, каалаган тамагын бере бергиле, эми кеч... - дегенде Данияр эмне дээрин билбей эси эңгирей туруп калды, Салима ары басып кеткен.

- Данияр кеттикпи? - дегенде гана эсине келе бери бурулду, көздөрүнө келе калган жашты көргөзбөөгө тырышып байкатпай аарчып басып келди.

- Кеттик.

- Сүйлөштүңбү?

- Ооба.

- Эмне деди?

- Сага айтканды айтты, эми аралаша берсең болот экен.

- Өзүм дагы ойлогомун, тиги чөптөн дагы алып алдым, кез-кезде ичип кое берейин ээ? - Салима кубанычтуу алган чөп дарыны кармалап көргөздү, дал ошол кезде ал өз өмүрү ошол сырдуу чөптүн колундагыдай сезди, ал өмүрдүн кызык кезинин даамын эми гана сезгендей, жашоонун кадырын эми гана билип, кайра жаралгандай болуп турду. Анын жаш балача кубанып турганын көргөн Данияр чыдай албай жүрөгү сыздап кетти, эрксизден эле анын көз жашы куюлуп баратты, аны байкаган Салима, - Сен эмнеге ыйлап жатасың? - деди чоочулагандай, - Врач бирдеме дедиби?

- Ыйлабай турган ишпи, сенин сакайып кеткениңе кубанганымдан ыйлап жатам, - Данияр өзүн зордой күлүмсүрөп аялына карады, ичинен түтөп турганын сездирбегенге аракет кылганы эле.

- Оой жинди десе, ушундай дагы жашык болосуңбу? - Салима күлүп койду, - Ушуга шүгүр деп отурам мен, - дегенде Данияр унаасын жол четине токтотуп Салиманы кучактап алып солкулдап жатты, ал ушул кезде ички арманын, бугун чыгара айта албаса дагы туюгунан гана төгүп жаткан эле: "Сенден айрылып калаарымды кантип айта алам, кантип сенин кубанычыңдын жалынын суутам, сенден айрылсам күнүм эмне болоорун эстеп жүрөгүм жара тилинип турганын кайдан билесиң жаркыным", - деп ойлоп көпкө ыйлады:

- Менин кубанычым, уулдарымдын апасы маңдайымда сак-саламат турганы мени эрээркетип жиберди алтыным, - деп өзүн кармай калпты айтууга аргасыз болуп өпкүлөп бооруна кысып отурду, Салима бирдемени сездиби же чын эле күйөөсүнүн сөзүн ишенип муюп калдыбы, ал дагы ыйлап турду, Салиманын көз жашы кубанычтын жашы эле...

- Кой кетели, - деди анан, - Бүгүн түз эле айылга жөнөйлү, атамдар дагы кубанып калсын.

- Макул алтыным, - деген Данияр тык токтоду, кайненеси аны аялынын көзүнчө кууп чыкчудай элестеп кетти, - Барса баралы, - деди анан.

- Асан менен Үсөндү алып тез жөнөйлү ээ?

- Ооба, балдарды алып эле жөнөйбүз, - деп кеңешип келе жатышты, бул кезде Алиманын асманы айланып үстүнө түшүп, жарык күнү түнгө айланып эмне кылаарын билбей апасына ыйлап айтып отурган эле, башынан сырын жашырбаган Алима апасына болгонун болгондой айтчу, анткени анын боюна болуп калганын Шекеркүл өзү байкап калды, тамак жасаганы менен ичпей, жалаң эле жер-жемиш жегиси келип калганын көрүп:

- Алиш, сенин эмнеге тамакка табитиң жок? - деди.

- Билбейм апа, алма жегим келип эле кызыктай болуп жатам.

- Кокуй шерменде! - деди Шекеркүл.

- Эмне болду? - Алима элээ карады.

- Кудай урган окшойт балам, сенин боюңа болуп калган го?

- Койчу?! - Өңү өзгөрүлө колунда кармап турган идиши түшүп кетип шалак эте жыгылып түштү, Шекеркүл коркуп кетип баса калды, сырттан кирген Жапар көрүп коркуп кетти, өйдө кылып кармап турган аялына:

- Эмне болду? - деди, ал Салиманын ооруп жүргөнүнөн улам сары санаа болуп араң жүргөн эле, - Ооруп калдыбы?

- Билбейм, - деген Шекеркүл көзүн ачып келе жаткан Алимага үйрүлө калды, - Алиш, жакшы элесиңби айланайын?

- Апа, мага эмне болду? - деп атасы менен апасынын үрпөйүп турганын көрүп өзүн кармай башын көтөрдү.

- Карангүн ай, бир жериң ооруп жүрөбү кызым? - Шекеркүл баарын билип туруп күйөөсүнө билдирбестин амалы кылып сурады.

- Жакшы элемин апа, - Туруп басканда Шекеркүл колтуктап үйгө алып кирди, алардын артынан кирген Жапар:

- Доктурга көрүнсөң боло кызым, каның азайып кеткен жокпу? - деди.

- Жок ата, кабатыр болбогула, соо элемин, - Алима кымтына отуруп калды,.

- Салиш антип ооруп жатса, сен биякта минтсең, силердин ден-соолугуңардын тазалыгы керек кызым, эмдигиче Салишти Америкага алып барсак жакшы болуп калат беле, болбой койбодубу, - Кейий кайра сыртка чыгып кетти. Шекеркүл кызын мелтирей көпкө карап отура берди, эмне деп айтаарын же урушаарын билбеди, эки көзүндөй болгон кыздарынын бир адамга байланып калганы анын жүрөгүн оорутту, же ачык айтып Даниярдын жазасын өз колу менен бере албаганына, ачыкка чыкса эл алдында абийири кетээрин ойлонуп заманасы куурулуп турду.

- Мен эртең шаарга кетейин апа, - деп Алима сөздү өзү баштады, - Эгерде ошондой болсо алдырып коеюн, - Жер карай сүйлөдү.

- Кой ботом, биринчиңди алдырсаң кийин балалуу болбой каласың, - Эне кызын корккондой карады, - Өзүбүз баштан чукакпыз, өзүң жашсың, - Ойлуу унчукпай калды.

- Төрөбөсөм жок.

- Кой антпе кызым, аял бала менен гана толук бактылуу болот, балаң болбосо сен эч ким эмессиң, элдин арасында өзүңдү кем сезип корунасың, менин башымдан баары өтпөдүбү, ушул экөөңөрдү төрөгөнчө эмнени гана көрбөдүм, мынча болду эч жанга билгизбей өзүм багып алам.

- Эмне дейсиң апа, кантип?

- Ушинтип эле, - деди Шекеркүл кайраттуу, - Көзгө көрүнө элек наристенин кай күнөөсү үчүн жазаламак элек, бей күнөө баланы өлтүрсөң сен күнөөгө батасың, - деп эне кызын көндүрмөк болду, Шекеркүл өз акыл-эстүү аял, көп нерсени өзү чечип коет, бирок антпесе болбойт эле, өз баласын күнөөлөгөндө эмне тапмак: "Алиманын айыбы кайсы, жаш немени ошол акмактын колуна коюп койгон өзүбүздө, атайын жездесин азгырып кеткендер болуп жатпайбы, кызым андайга бармак эмес, ал өз жазасын өзү алсын, наристеде эмне күнөө, баламдан чыккан бала менин боор этим менен барабар эмеспи, эркек болсо Жапар экөөбүз кубанып багып алабыз, Алиштин төрөгөнүн билгизбейм", - деп ойлонуп бир чечимге келгендей болду. Ал кызына жалдырай карап шаарга кетирбей коюнун амалын ойлонуп жатты, эртеси Салималар келип калды, баштагыдай болбосо да акырын унаадан түшүп келе жатканда үйдөн Алима чыга калды, Даниярды көрүп жини келе барып тыткылап жатып калгысы келип селдээ карап турганда ары жактан келе жаткан Жапар:

- Оо айла-анайындар келдиңерби балдарым? - деп неберелерин кучактап өөп, анан Салиманы бооруна кысып жүзүнөн сүйдү, - Кагылайыным десе, ден-соолугуң жакшыбы кызым?

- Ооба ата, жакшымын эми, - Салима атасын жаадырай карады, - Мени тамакка аралаша бер деди.

- Жакшы болгон тура, ырас айтасыңбы? - Жапар кызынын кубанычтуу жүзүнө тигиле ишенкиребей турду, анын азгын жүзү, арыктыгы менен араң сүйлөп алсыз турушу аны күмөнсүтүп турган, аңгыча Шекеркүл менен Алима келип калды, Данияр кайсактап кайнатасы менен сүйлөшкөнү менен кайненесине даай албай Салимадан тартынып гана айласыз учурашкан болду. Жапар кызынын сөзүнөн улам үйгө киргизбей туруп бир кара улакты Даниярга сойдуруп өпкөсүн чаап анан ырым-жырымды жасап, улактын этин коңшуларга таратып өздөрү ооз тийишпеди. Салима дал ошол күнү көңүлү ачык болуп: "Тамакты күчтөп ичсем өзүмө келип калам, ушунчалыгына шүгүр", - деп ойлонот. Ата-эненин дагы көңүлү ачылып кудайга ыраазы болуп турушкан эле, эки-үч күн болушту, кызынын абалы алардын жүрөгүн түпөйүл кылып басса-турса үшкүрүнүп, жанына келсе өздөрүн алдап күлүп жайнап, неберелерин эркелетип жан-алы калбай жатышты. Алима өз иши менен алек, кирип чыгып тамак жасап, идишин жууганча түш болот, кайра кечкисине даярданып эжеси менен сүйлөшүүгө убактысы болбоду, бирок сүйлөшкүсү келсе дагы жүзү чадабай кайсактап Асан менен Үсөндүн кийимин жууп калат, кетээр күнү Салима сиңдисине:

- Алиш, сен окууга барганы жатасыңбы? - деди.

- Ооба, документимди даярдап жатам, - Алима көздөрүн ала качып жооп берди, - Жакында кетем го.

- Барсаң тааныштарга дайындайбыз, бат эле өтүп кетесиң.

- Өзүм деле өтөм деп ойлоп жатам.

- Мейли, барсаң үйдө болосуң да.

- Ооба.

- Биз кеттик анда, - деп жылуу коштошуп жөнөп кетишти. Алима эжесин бекем кучактап алып араң кое берди, кетип жатканда Алима эжесин колун көтөрө узатып телмире карап туруп калды, өзүнүн кесели жанын кыйнабай сакаюдан үмүт кылган Салима күлө карап кетип жатып сиңдисинин жүрөгүндө айтылбай турган бир сыр бар экенин сезип: "Кантейин, бакытты берди кудайым, ата-энемдин көзүнүн ага менен тең айланган эрке кыз болуп өстүм, Алима экөөбүз эчтекеден кем болгон жокпуз, бул кыздын жүрөгүндө бир сыр турат, эмнеге муңу бардай сумсаят", - деп кыжаалат болуп кетип жатты. Билинбей өткөн өмүрдүн кызыгы да, азабы да тең бул жашоодо эже-сиңдинин ортосун билинбеген тосмо тосуп тургандай болду, баштагыдай Данияр менен тамашалашпай калганын байкады Салима, аны карагысы да келбегенин сезди, ошол абалда сиңдисине бирдеме деп айтууга кудурети жетпеди, бирок анын тамак-ашка аралашканына карабай алы кетип күчүнө келе албады, өзүн-өзү алаксытканы менен баары бир шайы кетип баратканын сезип эле турду. Убакыт өтүп Алима таңып жүргөн ичи чоңое баштаганда Шекеркүл өзү барып Анаркүлдүн үйүнө сүйлөшүп таштап келди, көп өтпөй балканактай уул төрөдү, беш-алты күн өткөндө Алиманы алып келип:

- Атасы, Алиш ооруп жатыптыр, мен Анаркүлдүн үйүнө алып барып коеюн, доктурга көрүнсүн, - деди.

- Мейли, мейли байбиче, - Жапар шаша карады, - Кудайдан ушул экөөнү тилеп албадык беле, эмнеге ооруп калышты, - Кейип отуруп калды, эркек неме эчтекени деле баамдаган жок, - Ээ байбиче, Салимага жылаан ичирсек эмне болот?

- Ырас эле, айыкпас дартка дабаа болот дешет го, ага айтпай берелиби?

- Ошентели, ошонун сакайышынан коркуп жүрөм, доктуру деле калп айткан го, өң деген жок, шайы кетип калыптыр, - Каңырыгы түтөй үңкүйдү.

- Шаарда жылаанды сатат тура, ал эмес бака сатат дейт, кудайдан болуп шыпаа болуп кетсе ажеп эмес, Анаркүлдүкүнө барып андан ары жылаан сатып алып, Салиманы ала келейин.

- Ошент, сары кызымдын көрөөр күнү бар болсо ошондон бир айла болот, - деп өзү эшикке чыгып кетти, Алима төшөктө жаткан.

- Апа, эжем менен Данияр дагы келеби? - деди, - Өзү эле келсе жакшы болот эле...

- Келсе келет да кызым, эми тигил баланы бир эбин таап алып келбесек болбойт, - деп Шекеркүл ойлонуп калды.

- Эжем көрсө эмне дейсиңер?

- Анаркүлдүн үйүнө таштап кетиптир дейбиз, же Анаркүл өзү жеткире турган кылам.

- Атам менен эжем ошого ишенээр бекен?

- Ишенгидей кылам, - деди Шекеркүл өзүнө ишенгендей.

- Билбейм, ооруп жаткан неме бир нерсени сезип калса кайра ооруп калабы деп корком, - Алима телмире апасын карады, - Өзүмдү өлтүрө да албадым, Даниярды өлтүрөйүн деп өлтүргөнгө дагы бара албадым апа, эгерде ал өлсө эжем кандай абалда калат эле? - деп телмирип отуруп калды. Бирок акылдуу аял эки кызына жоопту өзү даярдаган сымал кызын сүйлөтпөдү, ал бир карап койгондо Алима унчукпай калды, жүрөктөгү бир тууганга деген сүйүүсү, эжесинин өмүрлүк жары болуп, балдардын апасы болгон жездесине деген кегин бара-бара өз жолу менен жүрүп өтүп кеткен өткүн сымал болуп турду. Канчалаган чаң менен кирди жууп кеткен жамгыр сыяктуу бир гана келген ачуу-арман, ага шериктеш жүрчү ар - намыс баарын жууп кетти, ага себеп Салиманын айыкпас дарты болчу. Ушул кезде ал төшөк тартып жатып калган. Даниярга кытай докдурдан чөп алдырып ичип жан аргасы кылып жаткан, анын бери болбосун билген Данияр анын оюндагыдай болуп таптап тамак берип карап жатканда Шекеркүл келди.

- Салима, сени үйгө алып кетейин деп келдим, - деди саал кыйналган үн менен.

- Эмнеге апа? - Салима баш көтөрө апасын карады.

- Өзүм карайын кызым, Алиш дагы табы жок.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Билбейм, арыктап эле баратат.

- Врачка көрүндүбү?

- Болбой койду.

- Көрүнбөйбү, мен ооруганымды билип туруп дагы өтүп кетет деп байкабай төрт жылдан бери азап тарттым го.

- Садага кетейин десе, сакайып кетесиң, андан көрө мен силердин кийим-кечеңерди топтоюн, көпкө жүрүп калсаңар керек болот, сен отура тур, - деп Шекеркүл ичкери кирип кеткенде Данияр келип калды.

- Ким келди? - деди ал.

- Апам, мени алып кетем дейт.

- Эмнеге?

- Үйдөн карайм дейт, чын эле мен деле сен жокто кыйналат экенмин, - деди көңүлсүз, - Кытай мени алдаган го, жакшы болуп калдың дегени өлөсүң дегени болсо керек.

- Койчу кайдагыны айта бербей.

- Качан балдарды алып келесиң?

- Азыр барам.

- Ойной берсин, кетип жатканда ала кетебиз, - Салима унчукпай калды, Данияр кайненесинен тайсалдап качып сыртка чыгып кетти, көздөрүн ала качып "эмне деп жиберет", - деп корко берет. Ошол убакта Шекеркүл үйдөн чыгып сумкаларын алып чыкты:

- Кетели балам, мен такси алып келе калайын.

- Апа, Данияр эле жеткирип коет.

- Ишинен алагды кылбай эле кой, өзүбүз кетебиз.

- Иши деле жок, келип калган, эшикте жүрөт.

- Аа-а, келип калды беле? - деп унчукпай калды, ал күйөө баласын жек көрүп көргүсү да келбей калган, таздын көөнү болбосо кыздын көөнү дегендей Салиманын көңүлү деп эле сүйлөгөн болот, мурда өзүнүн баласындай көрүп жалпылдап калчу. Аны да байкады Салима, баары көз алдында болуп жаткандыктан сезимтал жан байкабай калмак беле: "Атаңдын көрү, Салишим соо-саламат болгондо абийирин төгүп эч жанга билгизбей көчөдө гана калтырат элем", - деп кекенип алып салыштырып жөнөдү. Асан менен Үсөн дагы чоңоюп калышты, алар апасынын ооруганын кадимкидей түшүнүп үйдө болгондо такыр урушушпай көзүн карап турушчу болгон, бештен алтыга карап калган балдар өтө сезимтал эле.

- Тайне, эмнеге айылга баратабыз? - деди Асан.

- Кайра эле келебиз да, - деди Үсөн ага карап, - Ээ ата?

- Ийи, кайра келебиз, - деп араң айтты Данияр.

- Көпкө болосуңар балам, апаңды өзүбүз дарылабасак болбойт, илең-салаң болуп кызым куурады, үйдү таштап же мен жүрө албайм, - деп Шекеркүл ток этээр жерин айтты.

- Апам жакшы болуп эле калды го? - Үсөн таенесине маңыроо карап койду.

- Кудай буйруса жакшы эле... - Шекеркүл үшкүрүп койду, алар шаардан чыкканда Салима эсин жоготкондой отурган жеринде шалак жыгылды, коркуп кеткен Данияр унаасын четке токтотуп аны кармай калды, ошондо ага акырая караган Шекеркүл, - Тарт колуңду, өзүм карайм, - деди да Салиманын колдорун ушалап бетинен сылап жүзүнөн өптү, - Садагаң кетейин десе, узак жолдо алы кете түштү окшойт, көзүңдү ачсаң каралдым.

- Апа, мага эмне болду? - деп көзүн ачты Салима.

- Жолдо кыйналдың окшойт кызым, эчтеке деле болгон жоксуң.

- Мен бир нерсе көрдүм апа.

- Эмне экен кызым? - Шекеркүл чоочулай карады.

- Мени карабай айдай бер, - деди Салима күйөөсүнө, - Мен бир укмуштуудай чоң тоонун түбүндөгү бир эшиктен кирип бардым, аерде бүт эле аппак кийим кийгендер жүрүптүр, алардан бирдемени сурайын десем алар мени көрбөгөндөй эле аркы-терки басып жүрүшөт, мени карашпайт, басканы бир кызык, жөн эле жылып кетип жатышат, таңгала кете бердим ошол убакта чоң энем мени көрүп басып келди, колун жаңсап тээ түпкүрүн көрсөтүп ошол жакка бар дегендей болду, мен кетип бара жатып үңкүрдүн бүткөн жерине барсам аксакал чал отуруптур, ал мени карап: "Кызым, сенин аз убактың калыптыр, биякка келе турган убагың боло элек, тез жөнө", - деди анан эле бирөө колумдан жетелегендей болуп жүгүрүп жөнөдүм, келе жатып эле жарыкка чыга түштүм, анан жанымда чоң энем туруптур: "Мен сени калып калат экен деп алып чыктым, эми бара гой", - деп колун булгалап кала берди, - деди Салима.

- Сен жөн эле сериал көргөнсүң го? - деп күлдү Данияр, - Он-он беш мүнөттө ушуну көрдүңбү?

- Кудай бериптир балам, сакайып кетет экенсиң, - деп Шекеркүл бетине алаканын сылай бата кылды, - Кудай жар болуп чоң энең аркылуу кайра кайтарган экен кызым, - Кызынын чекесинен өөп койду, - Атаң байкуш сени маңдайымда болсун деп жатпайбы.

- Бир заматта көп нерсени көрдүм апа.

- Ошол кудайым берген сыр балам.

- Тообо, бир паста эле бирөө жетелегендей жүгүрүп артыма бурулганымды билбей калдым, - Салима улутуна кетти.

- Кудай де балам, өзү белги, аян берген тура, балдарыңдын маңдайында эсен-аман жүрө берчи кагылайын, үйгө жетип таң эрте түлөө өткөрөлү.

- Сакайып эле кетсең болду, - Данияр сөзгө кошулду, ал кайненесин улам күзгүдөн карап коюп келе жаткан, эне кызын карайт, Салима болсо ойго бата телмирет, үнсүз келе жатып айылга кирип келишти. Жапар жол боюнда турган, жанында эки-үч коңшулары бар. Алима болсо тыңый элек, өңү азып кеткен, оор иш кылбай бир аз тамак-аш жасаган соң эле жатып калат. Азыр дагы уктап жаткан, кобур-собурду угуп тура калып бөлмөсүнөн чыга келди, Салима менен кучакташып көрүшүп, Асан-Үсөндү өөп:

- Кандай эже, жакшы болуп калдыңбы? - деди Салимага карап.

- Жакшы элемин, апам болбой эле алып баса берди.

- Биерде болсо санаасы тынбайт экен да, атам деле ойлой берет, сени ойлонуп жаман болуп жатышат.

- Өзүң эмне өңүң азып кеткен?

- Билбейм, жан кейиткен оорум деле жок, жөн эле алым кетип жатат, - Алима терс бурулду, Данияр келе жаткан, Жапар менен ээрчише кирип орун алышты, Шекеркүл чай ичип отурганда сөз баштады, Алима тамак даярдап жүргөн.

- Чал, мен балдардын көзүнчө бирдемени чечип алайын, - дегенде Жапар аялын ормое карады.

- Ал эмне деген сөз экен?

- Анаркүлдүн эшигине бир эркек бала таштап кетиптир, багып алсак кантет? - деди Шекеркүл күйөөсүнө үмүттүү карап.

- Ким таштайт?

- Мен кайдан билем, алардын жалгыз эле баласы барын билген эмеби же багып алаарына ишенгенби, таштап кетиптир, алар бакпайбыз дейт, милицияга тапшырып коелу дегенинен сага кеңешейин деп токтотуп койдум.

- Апа, ал кандай неме төрөгөн бала экенин ким билет, оорулуу болсочу? - деп Салима апасына карады.

- Анаркүл доктурга алып барып көрсөтүптүр, таптаза экен.

- Кийин таап алып талашып жүрбөйбү? - деди Жапар көңүлдөнгөндөй.

- Ким талашмак эле, Анаркүлдөрдөн ким алып кеткенин карап турмак беле, биз алып баса берсек таппай калат, - деди Шекеркүл ишенимдүү, эптеп эле баланы өздөрүнө жакындатууга далбастап турду.

- Андай болсо багып алалы, - деди Жапар, - Артымда калаар туяк болуп калсын, - Ойлуу жер карады.

- Ата, - деди Салима арык боппоз өңүнө жылмаюу кирип, - Кыз бала туяк болуп эсептелбейт экен да?

- Кызым, кыз бала күйөөгө тийип кеткен соң эли-жери бөлөк болуп калат экен да, мына өзүңдү көр, өзүбүз чакырбасак келбейсиңер.

- Мейли ата, баксаңар багып алгыла, - Апасын карады, - Кыйналбас бекенсиң апа?

- Бармактай баланы баккандан эмнеге кыйналам? - деди Шекеркүл. Баары унчукпай калышты, Жапар кечки тамакка деп Салимага кошуп бермекке жылаанды күнү бою чөөгүнгө кайнаткан, тамакты куюп келе жатканда Салиманын идишине табып айткандай гана үч-төрт тамчы кошту: "Көп ооруган адамга күчтүүлүк кылып көтөрө албай калат, аз-аздап көбөйтүп берүү керек, эгерде жакса алгачкы күнү катуу тердейт", - деген табыптын айтканын эстеп аз кошту. Тамактанып кобурашып отуруп кеч болуп балдардын уйкусу келгенде орун салып жатмак болушту, Салима жатаарда апасына:

- Апа, тердей баштадым да, көптөн бери какчыйып тер чыкпай калды эле, - деди.

- Азыр өзүңчө жатып жакшылап терде балам, - деп Шекеркүл аны жылуулап жаап коюп өзү жанына жатты. Салима ошол күнү шырп этпей катуу уктады, эртең менен чылпылдап тердеп төшөгүнөн өйдө суу болуп калган экен, Шекеркүл Алима экөөлөп кийимин алмаштырып кийгизишти, анан кайрадан жеңилдеп ич-көңдөйү ачылып карды ачып калганын сезди. Ошол күнү Анаркүл келди алардын үйүнө, эжеси экөө кеңешкендей эле он беш күндөн өтүп калганда сыр билгизбей келип Салиманы көрүп учурашып анан:

- Ой Турус бул баланы жогот деп туруп алды, эжемдер ойлондубу деп алып келдим, - деди Анаркүл, - Болбосо багып алам дегендер чыгып жатат.

- Кана, мага берчи, - деди Жапар балдызына карай колун созо, - Уул бекен, өз көзүм менен көрөйүн, - Баары бири-бирин карап тымтырс болуп калышты, Алима дагы үн катпады, ал төрөгөн уулун апасынын айтуусу менен эптеп өзүнүн жанында болушун каалап турган, бирок аны сезип-туюп кала тургансып апасы менен таежесине жүз бага албай кызарып ашканага кирип кетип тыңшап турду.

- Уул экен деп айтпадым беле? - деди Шекеркүл.

- Бечара, аргасыз таштагандыр, кандай неме журт ээси боло турган эркек баланы таштасын, - деп Жапар кемпирине карады, - Байбиче алып калалы ээ, акжолтой уул болсун деп тилек кылалы, атын Тилек коелу, Салишим ушул баланын келиши менен сакайып кетсин, өзү эки кызга эш болуп өбөк -жөлөк бир тууган болсун, - деп наристени ойлуу карап отуруп калды.

- Мейли жезде, айтканыңдай эле эш болсун, эжем экөөңөргө дем болуп, ылайым эмгегиңерди баалаган уул болсун, - деди Анаркүл буларды угуп турган Алима көзүн жумуп ийди: "Оо кудай кечире көр, ушул күнөөм билинбей энекемдин көңүлүнө көлөкө тийгизбесем болду, аман болсун Тилегим", - деп алды оюнда, - Эжем экөөбүз дагы уул бир тууганыбыз жок эки кызбыз, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу бир эркек жакшы экен, - деп сөзүн бүтүрдү Анаркүл.

- Акжолтой болсун, келе мага берчи чал, колума алып жүзүнөн сүйөйүн, эки эжеси ушунун келиши менен аман-соо болуп өмүрлөрү узун болсун, - Баланы алып мурдунан чымчып өзүнүн бармагы менен сөөмөйүн өптү.

- Өз колуңду өппөй бетинен өпсөң боло, - деди Жапар.

- Апээй ботом ырас эле, чоочун бирөөнүн баласынча өпкөнүмдү кара, - деп Шекеркүл күлүп наристени жүзүнөн өптү: "Ушул бойдон билинбей калса экен, өз каныбыз эмеспи, баламдын баласы, Алиманы урушканда эмне чыкмак, мен туура иш кылдымбы жараткан", - деп ойлуу үшкүрүп ийди.

- Мага берчи апа, - деди Салима.

- Ала гой, мээримиңерди төгүп өз бооруңардай кабыл алгыла, эми бул Жапар экөөбүздүн картайганда тапкан балабыз, - деп Шекеркүл наристени Салимага берди, - Болмоюп жоош окшойт.

- Апа, Асан менен Үсөндүн кичинекейиндегисине аябай окшош экен, - дегенде Шекеркүл чоочуп кетти, бирок анысын билдирбегенге аракет кылып:

- Жаш бала ымыркайында баары эле окшош болот, - деди.

- Чын эле, балдарымды көп баланын ичинен араң тапкам, - Салима наристени жылмая карап өөп койду, - Кут кылсын ата, апа.

- Рахмат айланайын кызым, - Ошол убакта сырттан коңшусунун бир баласы кирип:

- Жапар ава, сизди бирөө чакырып жатат, - деп калды.

- Ким экен?

- Билбейм, - деп ойноо бала кайра чыгып кетти, Жапар чыгып эле кайра келди, үңкүйө отуруп калды.

- Байбиче, менин балам бар дебедим беле...

- Ооба, эмне келиптирби? - деп Шекеркүл ага суроолуу карады.

- Жок, жөн эле айттым.

- Эшикте чакырган ким экен?

- Аа-а, ал тигил айылдагы Жетешиктин баласы, тойго чакырып келиптир.

- Анан кайдан эстей калдың ботом, дегеле эстечү эмес элең го? - Шекеркүл күйөөсүн таңгала карап: "Ал баласы бир эстеп келип да койгон жок, өзү деле барбады, деги чын болду бекен", - деген ойдо калды.

- Жетешиктин баласын көрүп эсиме түшүп кетти.

- Ата, ал балаңар канчада? - деди Салима.

- Сенден эки жашка улуу, быйыл отуз төрттө болсо...

- Аа-а чын эле ага эмнеге барбадың ата?

- Түйшүк кызым, бу тирүүлүктүн ар бир күнү өзүнчө түйшүк экен да, өлсөң баары бүтөт экен, - деп оор күрсүнүп алды.

- Жезде, ошого барып кабар албай бекер кылыпсың, апасынын өлгөнүн мен уккамын, сиңдиси эл көрөт экен, ошого дайындаган тура, - деп сөзгө аралашты Анаркүл.

- Мен эки жолу бардым, - деди Жапар, - Бир барсам окууда экен, ал баккан апасы дагы жок экен, кийин барсам шаарга көчүрүп кетиптир.

- Кайсыны бүткөн экен? - деди Салима.

- Ким билсин, Акылайдын баласы жок болуп ошону гана карманып жүрөт дейт, көзү ачыктыгынан Москвага чейин барып турат экен, - деп Жапар унчукпай калды.

- Анда биздин бир тууганыбыз бар экен да? - деди Салима атасына кайрылып, - Балам жок дебей ошону бизге тааныштыр ата.

- Буйруса, бир издеш керек, шаар чоң болсо табуу кыйын экен...

- Ата, иштеген жерин билсе оңой тапса болот, - деди Данияр.

- Ошону билбей жатпайынбы.

- Аты-жөнүн билесизби?

- Аты Эрмек дейт, мен анын бар экенин кийин билбедимби, - Жапар өкүнгөндөй сүйлөдү, - Апасы мага айткан эмес эле, кийин төрөп эле көз жумуптур, - Эч кимиси үн катпай калышты, ар кимиси өз ойлору менен алек эле, ошентип Тилекти багып калды, Алима карайт, Салима негедир күндөн-күнгө сакайып баратты, өңүнө кирип үйгө кирип чыгып тыңып калганда врачка көрүндү эле ал таңгала карап ишене албай турганын билдирди.

- Бул оорунун күчөтпөй турган бир дарысын ичкен экенсиң, ичегини бүт жара басып кетиптир эле, эми анын бири да жок, кандай дары ичкенсиң?

- Кытай доктурга көрүнүп чөп дары ичкемин, ошол ооруну басты, - деди Салима.

- Ошондой, бу кытайдын врачы жакшы дарылаган экен, куттуктайм карындашым, эми кез-кез келип текшерүүдөн өтүп турсаң болот.

- Рахмат, демек айыгыптырмын да?

- Албетте, сакайып калыпсың, биз мындайды күткөн эмеспиз, - деди врач уялгандай, Салима андан кийин өзү эле жылаанды кайнатып ичип табыпка барып тез-тез тамырын краматып анын айтканындай жасап жүрүп каксыз айыгып кетти. Чынында анын оорусу ракка жете элек экен, адашып койгон диагноздон улам кээде адам өмүрүнө көп эле зыян келип калып жүрбөйбү. Салима дагы ошол туура эмес далилдин курмандыгы болуп кала жаздап беш жыл бою кыйналды, бирок ал ушунусуна дагы канимет кылып кубанып жүргөн кези. Ден-соолуктун кадырын ооруганда билесиң деп илгеркилер айткандай эле болду, Даниярдын дагы кубанычында чек жок, алган жары жаркылдап күтүп алат, уулдары катар чоңоюп баратат, баарынан кызыгы Тилек Асан менен Үсөнгө окшошуп өсүп баратты, Алиманы Анаркүл өзү бир жигитти таап күйөгө берип ийди. Азамат төрт бир туугандын эң кичүүсү эле, аял алып ажырашып кеткен, өзү карапайым жумушчу болуп иштейт, атасы жок, апасы бар. Агалары өз-өзүнчө үй-бүлөө күтүп кеткен, Азамат апасы менен Алима кайненесине жагып калды.

- Кызым жок дебейм садага, төрт уулумдун аялдары мага кыз эмей эмне, уул-кыздары менин чүрпөлөрүм, эми Азаматымдын балдарын көрсөм арманым жок, - деди бир күнү.

- Апа, мен деле сизди апамдай көрүп калдым, - Алима жылмая карады.

- Айла-анайын десе, эми этегиңден жалгаса болду.

- Мм, - деп баш ийкеп койду, Паризат жетимиштен ашып калган кары, улуу келиндери андан тайсалдап тартынып турушат, эң улуусу Жамийла кудуңдагыраак, андан кийинкиси Азиза өзүнө-өзү сулуумун деп бой көтөрүп күзгүдөн чыкпаган чоеке келин, үчүнчүсү Гүлнара, үн-сөзү жок келин, бир мүнөздүү, кайненесине дагы жакын, күйөөсү бир аз ичкенде даттанып турат. Эки-үчтөн балдары бар, Жамийланын күйөөсү Арзымат, эң улуусу кыз, бойго жетип калган, андан кийинкиси эки уул. Алиманы алгандан кийин ырым-жырымын жасап, куда-кудагыйын чакырып сыйлап эне сүтүн беришти, Азамат Алиманы жактырып экөө бат эле бирине-бири көнүп кетти. Жумуштан келгенде ага карап апасынан тартына отуруп калат, канткен менен жөнөкөй гана айылдык жигит эмеспи, тартынчаактык мүнөзү бар, апасынын көзүнчө ойноп тамашалай да албайт. Көп өтпөй эле Алиманын кош бойлуу болгонун билгенде кубанганын айтпа, түнүндө бөлмөсүнө киргенден кийин:

- Алиш, чын эле балалуу болобузбу? - деди кыса кучактап.

- Ооба, буйруса балалуу болобуз, - Алима наздуу эркелей колун мойнуна артты, - Сен кызды жакшы көрөсүңбү же эркектиби?

- Биринчибиз эмеспи, кимиси болсо дагы аман төрөлө берсин.

- Мен дагы ошондой ойлойм.

- Атын ким коебуз?

- Кыз болсо Арууке, ал эми уул болсо Ариет коелубу?

- Мейли, сен эле танда.

- Жо-ок, - деп Алима күлүп койду, - Эң биринчи баланы чоң энеси коет имиш го, апам таарынып жүрбөсүн? - деди Алима.

- Чын эле Арзымат акемдин улуу кызын Айдай деп апам койгон.

- Ошо да, апамды таарынтып албайлы.

- Апам таарынбайт, - деди Азамат.

- Таарынбаса дагы ичинен капа болуп сынып калат.

- Туура айтасың Алиш, апамды сыйлабагандык болуп калат ээ?

- Ооба, - деп Алима күйөөсүнө жылмая карады, оюнда өзүнүн жашыруун төрөп алган Тилеги, Азаматка келгенине үч айдан ашкан, негедир аны көргүсү келип кетти: "Эмнеге көргүм келет, өзүм каалаган адамдан балалуу болгону турам го", - деп өзүн-өзү жек көрүп кетти.

- Эмнени ойлонуп калдың Алиш? - Азамат анын жүзүн ээгинен өйдө көтөрүп өзүнө каратты, - Мен сени сүйүп баратам.

- Ыраспы? - Алима ого жаадырай карады, - Мурун сүйдүң беле?

- Жок, апам үйлөн дегенинен эле балдар болуп ала качып алгам.

- Эмнеге ажыраштыңар анан?

- Өзүм көнө албай койдум, анан кетирип ийдим.

- Өзүң элеби?

- Ооба, жашай албайбыз деп ачык эле айттым.

- Унчукпай эле кетип калдыбы? - Алима таңгалып койду, андан кийин сүйлөшүп жатып Азамат ойлуу Алиманы карап колун ийинине арта салып, - Сен сүйүп көрдүң беле? - деди.

- Жок, сүйүү кандай экенин билбейм.

- Чынбы, экөөбүз бирдей экенбиз да, сүйүп көргүң келеби? - Азамат күлө келинчегин оозунан өптү, - Мени сүйөсүңбү?

- Сүйөм.

- Кантип?

- Жанымдасың, өзүң сүйдүрүп ал, - деди келин кыткылыктап күлө.

- Сүйдүрүү кыйын го, өзүңдүн жүрөгүңө баш ийүүгө болбойт, - деп Азамат ойлуу чалкасынан жатып алып: "Балким сүйүшпөй деле ынтымактуу жашап кетээрбиз, Алима жакшы келин экен, мага мындан артык аял керек эмес, өңдүү-түстүү, акыл-эстүү эле экен", - деп алды.

- Ооба, жүрөккө баш ийүүгө кудурет жетпейт, - деген Алима күйөөсүнө карай күлүмсүрөп колун арта кучактады, - Биз сүйүүнү издебей эле коелучу, балким ушул бири-бирибизге көнүп баратканыбыз бактылуу жашоону алып келээр, балалуу болсок экөөбүз тең ага сүйүүбүздү арнап коебуз, тарбиялап өстүрөбүз.

- Туура, мен ойлогонду айттың, сүйүүсүз деле жашоо боло берет го.

- Сен өзүң сүйүп анан үйлөнгүң келди беле?

- Ооба, бирок сени көргөндө эле мен жактырып калдым, - деди Азамат чынын айтты, ал экөө тең унчукпай уйкуга киришти. Алиманы төркүлөткүлө деп Жапар бирөөдөн кат жиберген экен Паризат өзү камына баштады, келиндери менен балдарын чогултуп кийит-кечесин дайындап, алып бара турган малын такташты да бир жумадан кийин Кеминге жөнөштү, ал убакта базар экономикасы катуу жүргүзүлүп, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп калган, рубль көбөйүп саны көп, сапаты төмөн болуп турган убак, малын сатып акчалай жүз миң рубль алып барышты. Жапар кудалары менен кыз-күйөөсүн жакшы тосуп алды, кой союп иниси Сапар, анын үй-бүлөөсү, жакын туугандары болуп тосуп сыйлап кешикти жакшы салып берип жөнөттү, Алима күйөөсү экөө калып кийин бармак болду, Салималар эртеси эле үйүнө кеткен, Тилек талпынып калыптыр, Алима аны көтөрүп өпкүлөп карап жатканда Азамат:

- Сага окшошуп кетет экен, - деди.

- Койчу, - Алима кызыктай болуп уурусу кармалып калгандай кызара түштү, - Мага каери окшошуп турат?

- Эмнеге чычалап кеттиң?

- Унчукпа, - Шыбырай карады, - Угуп калса атамдар таарынат, багып алганбыз да.

- Болду акырын, - деди Азамат, сырттан Шекеркүл кирип келе жаткан эле.

- Уулум ыйлаган жокпу? - деди ал кирип келип эле.

- Жо-ок, ыйлаган деле жок, - Алима жылмайып койду.

- Каралдым десе, өзү жоош, - деп эне кубана карады, - Апасынын кубаты го? - деп Алиманын колунан ала койду.

- Атам бир жакка кеттиби?

- Ооба, мал сатам дейт, силерге даярданбайбы.

- Убара болбоңуздарчы, - деди Азамат, - Ансыз деле...

- Кой садага кетейин, эки кызыбыздан аянаар эчтекебиз жок балам.

- Ошентсе деле...

- Алишим аман-эсен көз жарса бешигин ушул жаман алып барат, чоң коногуңар дагы ушул, - деп талпынып бу-булап ойноп турган балтыр бешик наристени өөп-өөп алды, - Бул атаңдын чоң кубанычы болду кызым, үнү чыкса эшиктен кирип келет.

- Апа, - деди Азамат сыртка чыгып кеткенде Алима, - Салима эжем эч шек санаган жокпу? - деди көздөрүн алаңдата, - Тилектин чоңойгону ага бирдемеден шек туудурбас бекен?

- Ал кечээки келгенде аябай таңгалды, Асан менен Үсөнгө окшошуп баратыптыр деп кайдан күмөнсүмөк эле? - Эне ойлуу кызына бурулду, - Анын оорудан сакайып кеткени биз үчүн олжо болду кызым.

- Мен дагы ошого кубанып жүрөм апа, коркуп жүрдүм эле.

- Кудайга шүгүр айланайын, байкуш кызым оорунун азабын аябай тартты, көрсө рак деле эмес экен да, өздөрү так далилдей алышпаптыр, дагы жакшы кытай доктурдун чөбү көп жардам берди, андан кийин жылаандын пайдасы тийбедиби, кудайымдын өзү жар болду бейм, - Эне бала сүйлөшүп отурушканда Тилек уктап калды.

- Жаткырып коеюнбу апа?

- Ошентчи кызым, жашың өткөндө жаш бала багуу өтө кыйын экен, белим ооруп калат, - деп баланы Алимага берди, - Жылуу жаап кой.

- Макул, - Алима баланы көтөрүп кирип жаткырып коюп эшикти бир карап алып ичи элжирей өөп-жыттап алды, - "Жаным ий, баары бир менин ичимден чыккансың да, сени кантип жек көрөм, апама миң мертебе рахмат, башканын колуна калтырбай өзү багып отурат, аман болсоң эле болду, кантейин өзүм каалабаган, бала күтпөгөн кезде төрөлдүң", - деп ойлонуп кайра-кайра өпкүлөгөндө наристе бир нерсени сезгендей көзүн ача чукуранып, Алиманын бетине колун алып барып сыйпалай кайра уктап кетти. Алима жүйүртө басып чыгып кетти. Азамат экөө он-он беш күндөй жүрүп анан кетмек болгондо Данияр келип аларды чакырып келгенин айтты эле Алима баргысы келбей туруп анан апасына карады.

- Кой, эжеңер чакырса барып келгиле, - деди Шекеркүл.

- Апа, ошондон ары кете берели, Азамат дагы ишинен калды.

- Анда силер бара бергиле, мен койду сойдуруп бышырып туруп эртең өзүм алып барам, - деп аларды Шекеркүл жөнөтүп ийди. Аларды Салима дасторконун даярдап күтүп жаткан экен, сиңдисин кучактап жаадырай тосуп алды:

- Келгиле алтындарым, жакшы келдиңерби?

- Жакшы, өзүң кандай эже, Асандар ойноп жүрөбү?

- Ооба, алар үйгө токтобойт, кечинде келишет, - Күлүп койду, - Алар эми чоңоюп калышпадыбы.

- Өзүң кандай эже, оорубай эле жүрөсүңбү?

- Шүгүр, кадимкидей болуп калдым, бул врачтар деле туура эмес далил кое беришет тура, рак болгондо төрт-беш жылда бүтпөйт белем, көрөөр күнүм бар экен. Данияр кабат үйдүн эшигине коюн союп, Азамат ага жардам берип жатты, күүгүм кире тамак даяр болуп бажалар кобурашып отурду, эже-сиңди өзүнчө сүйлөшүп, сырдашып жатканда Даниярдын досу Темир менен Айнаш келип калды, аларды Салима чакырткан эле:

- Кандайсыңар, ортоңор толсун, - деди Айнаш кирип келип Салима менен учурашып, - Эже-сиңди ушундай бир сулуу экенсиңер, кыргыздын кыздарынын аземдигин экөөңөргө эле берип койгон го, окшошсуңар дагы.

- Кандай күйөө бала? - деп Темир Азамат менен учурашты.

- Жакшы-жакшы, өйдө өтүңүздөр, - Азамат ага кичипейилдик менен төрдөн орун көрсөттү.

- Жо-жок, сиз өтүңүз күйөө бала, сен коноксуң, - деди Темир аны жылдырып, - Менин ордум мына бул жер, - Четке отура кетти.

- Кандай, балдар чоңоюп жатабы? - Салима Айнашка кайрылды.

- Жакшы ай, төртөө катар чоңоюп шаштыбызды алып баратат.

- Аман-эсен чоңое берсин, башкысы дени сак болсо болду, оору сыркоодон алыс болсунчу, - деди Салима.

- Ооба, биз деле ошону ойлойбуз.

- Кана Темике, бажам келип отурат, бирдеме деп кой, - деди Данияр ар бирине устукандарын коюп, беш бармак алдына келгенде, - Балдызым менен бажама тилегиңди айт.

- Жарайт, - Темир стаканды колуна алды, - Кана эмесе урматтуу коноктор, - деп Алима менен Азаматты карады, - Бактылуу болгула, кармашкан колуңар ажырабай түбөлүк өмүр сүрүп, уул-кыз көргөн ата-энелердин катарын толуктап балпайган байбиче, ак сакалдуу чалдардан болгула, - деди.

- Рахмат, айтканыңар келсин, - деди Салима кубанычтуу, - Ылайым эле бактылуу болушсун.

- Сиздерге рахмат, - Алима аларга карай ыраазылык билдирди, - Айтканыңыздар келсин.

- Рахмат-рахмат, - Азамат дагы коштоду, аларды сыйлоо түн бир оокумга чейин отуруп анан Темир менен Айнаш кетип Азаматтар жатып калышты, ал күнү катуу чарчаган Салима сиңдиси менен сүйлөшө албады, эртеси түшкө жакын ойгонуп таңкы чайын чак түштө ичип Салима Алиманы базарга ээрчитип барып Азаматка кийит-кече алышты, алар келгенде Шекеркүл келип калган, кечке маал аларды жолго узатып коюп анан үйгө келгенде Салима апасына:

- Апа, Алима бактылуу көрүнөт, - деди жылмая.

- Ошентсин кызым, Азамат жакшы жигит экен, кайын журту дагы абдан жакшы тура, багы ачылса болду, - деди эне ойлуу, - Сен ооруп жүргөндө Алима өзүнчө эле чүнчүп кетпедиби.

- Байкушум десе, мени өлүп калат деп корксо керек ээ апа?

- Ким билсин, сен баарыбызды коркутпадыңбы кызым.

- Мен жинди болуп кете жаздабадымбы, - Данияр сөзгө кошулду, - Балдарым өзүмө окшоп калбаса экен деп...

- Эми эстебей эле кой, өткөн өттү балам, - деп уулун которуп калды.

- Апа, кыйналдың го? - деди Салима.

- Кыйналсам да багам да кызым, ушул атаңды бир топ жашартып койду.

- Чын элеби? - Салима апасын күлө карады.

- Ырас айтам, Тилектин үнү чыкса жүгүрүп кирет, тим эле жанындай көрүп колунан түшүрбөйт дагы, күбөлүк алганда кубанганын айтпа, - Шекеркүл кудуңдап наристесин өөп койду.

- Апа, - деди Салима сырдуу карай.

- Эмне болду кызым?

- Атамдын баласынан дайын жокпу?

- Жок, өзү бир күнү издесемби дегени менен дарегин билбей токтоп калат.

- Апа, эгерде ал табылып калса сиз жаман көрбөйсүзбү?

- Жок ээ, мен эмне жинди болду дейсиңби, ичим кең эле балам.

- Ийи да, - Салима унчукпай калды, ал күнү конуп алып эртеси үйүнө кетти Шекеркүл, сиңдисине кайрылмак болуп бирок күйөөсүнүн жалгыз калганын ойлонуп кете берди. Ал баргандан эртеси Жапар шаарга келди, бирок анын көздөгөнү баласын таап жолугуу болчу, бирок дарек-дайыны жок кимден сураарын билбей кайра кетип калды. Бул кезде Сатылганов Эрмекбай Алиевич деген акыйкат сот бар экенин ал билбеди, Акылай өзү төрөбөй калгандан кийин аны өз баласындай көрүп көпкө кызганып айтпай жүрдү, кийин эл аралап киши көрө баштаганда гана эжесинин аманат сөзү эске түшүп көпкө ойлонду да Эрмекти үйлөнтөөр алдында минтти:

- Эрмек, уулум мени жакшылап тыңшап ук, - деди эле Эрмек күлө карады, алдында эски альбом турган эле:

- Эмне дегени турасыз апа?

- Мына бул менин бир тууган эжем.

- Билем го жарыктык.

- Эмесе сенин түшүнүп угаар мезгилиң келди...

- Апа, табышмактатпай айта бериңиз.

- Сен Асылай эжемдин баласысың!

- Эмне?! - Эрмек ордунан тура калды, - Эмне деп жатасыз деги?

- Токто балам, бул эжемдин аманаты, - деп эски саргайган сүрөттү көрсөттү, - Бул атаң болот, эжем таарынып баса берип ошол бойдон барбай коюп боюнда бар экенин жашырып койгон, - Акылай көпкө Эрмекти карап ойлуу отуруп калды.

- Түшүнсөм буйрубасын, - Эрмек башын мыкчый ачуу чындыкты кабыл ала албай же ишене албай турду.

- Эжем сени төрөп эле кара басты, мен барсам Акылай сен баланы багып ал, бирок ак караны түшүнгөндө эли журту, атасы бар экенин айт, бекер жашырган экенмин, бул болсо дагы жаштыгым, өмүрүм кыска окшойт, айла канча, деген балам.

- Кызык экен, - Эрмек Асылай менен Жапардын саргайган сүрөтүн карап отура берди, ал жаңы гана сот болуп орношкон эле. Эртеси эле атасынын айылына келип Жапарды таппай калды, алар Салима ооруп жатканда Шекеркүл экөө тең шаарга кеткен эле. Үйдү көрүп сыртынан көз салып коюп анан кайра кеткен, анын бул издөөсүн Акылай билген жок. Ошентип убакыт өтө берди...

Салима кайрадан жумушуна чыкмак болуп жаткан, Асан-Үсөн биринчи класска бармак. Данияр таксоват этип жүрүп аварияга учурады, кечке маал үй телефону чыр эткенинен Салима ала койду.

- Алло угуп жатам, эмне дейсиз, качан! - деп шалдая туруп калды.

- Апа, ким экен, атамбы? - деди Асан.

- Атам чалып жатабы? - Үсөн жарыша сурады.

- Тур, кийимиңерди кийгиле, ооруканага барабыз, - Салима шашыла өзү кийинип анан балдарын кийинтип сыртка чыгып таксиге отура калып төртүнчү ооруканага келип сестрадан сурады, - Байболов Данияр, жаңы эле авария болуп келиптир.

- Азыр карап көрөйүн, - Сестра дептерин карап, - Операционыйда экен, - деди. Салима операционныйдын эшигине балдары менен келип күтүп туруп врач чыкканда:

- Байболов ушунда бекен? - деди.

- Сиз кимиси болосуз?

- Аялымын, абалы кандай?

- Кыйын, башынан тийиптир, кабыргасы сынып кеткен, абалы оор.

- Деги аман калабы?

- Ачык айтуу кыйын, бүгүн түндөн чыкса анда үмүт бар, - деп басып кеткенде Салима ыйлап отуруп калды.

- Апа эмнеге ыйлап жатасың? - Асан апасын үрпөйө карады.

- Атам ушул жердеби? - деди Үсөн.

- Ооба балдарым, атаң авария болуптур, - Салима балдарын эки жагына кучактап ыйлап жатты. Түнү бою отурмак болгондо бир врач келип:

- Бул жерде балдар менен кыйналасыз, үйүңүзгө барыңыз, эртең менен келиңиз, - деди.

- Отура берейинчи, балдарым менен жанында карасак кантет?

- Болбойт, үйүңүзгө барыңыз.

- Бир көрүп чыксам болобу?

- Жок, эртеңге чейин күтүңүз, - деди эле Салима аргасыз туруп балдарын ээрчитип үйүнө жөнөдү, ошентип ал өзү сакайган соң кайра күйөөсүнүн азабына кабылды, Данияр көпкө сүйлөй албай, баспай калды, башына доо кетип кыр аркадан кеткен залакадан улам жүлүнгө зыян келип баспай калганда үйүнө чыгарып келди. Ишине барып, балдарына карап, кайра оорулуу күйөөсүн карап кыйналып да кетти, Данияр коляскада отурат, тамакты өзү ичирет. Алган айлыгы дары-дармегине жетсе тамак-ашы менен балдарынын кийимине жетпей абдан тажады. Шекеркүл менен Жапар берип жатса өзү тартынып айткысы келбейт, бир күнү карындашы Айсулуу келиптир, Салима жумушта болчу:

- Сен минтип отурсаң иштеп кеткени эмнеси ыя, көпкөн экен катының, сени биз өзүбүз багабыз, - деди агасынын жанына отуруп, Данияр сүйлөй албаса дагы Салимага жаман айттыргысы келбей башын араң чайкап кабак түйдү, андай эмес, мени ошол карап багып жатат дегиси келген эле, - Керээлден кечке сенин ачка-тогуңду карабай жүрө бергени эмнеси ыя?

- Келгиле, - деп Салима кирди, угуп турса да эчтеке укпагандай ага жылмая, - Качан келдиңер Айсулуу?

- Келгеним качан, байкем куураган турбайбы, оорулуу эриң турса иштебей эле койбойт белең? - Кекете карады.

- Иштебесем, дары-дармегине кайдан акча табам, балдарды кийинтишибиз керек, акчасыз азыр жашоо болмок беле? - деди Салима, - Отуруп чай ич.

- Ичпей эле койдум, ден-соолугу барында эр кылып, ооруп калганда кор кылганын кара, үйдөн чыгып кеткиле, мен өзүм келип багам.

- Эмнеге үйдөн кетебиз, бул менин дагы үйүм, балдар экөөбүздүкү, сен мени чыгып кет дегенге акың жок! - деди Салима ачуусу келип, - Бага турган болсоңор алып кетип баккыла!

- Ийи, дегеле муну кара, бул деген байкемдин үйү, сенин акың дагы жок, керек болсо сени кууп чыгам! - деп тура калды.

- Кууп чыга турган сенин акың жок, чынында Даниярдын көңүлү үчүн сыйлап отурам, - дегенде эшиктен иниси Максат кирип келди.

- Эмне болду силерге?

- Мына муну сүйрөп чыкчы, көчөдө гана калтырайын, - деди Айсулуу ажаандана, ошол убакта эки уулу сырттан кирди, айкырып жаткан Айсулууну карап:

- Апа, бул аял ким? - деди Асан.

- Эмнеге бакырасыз? - Үсөн Айсулууну жаман көрө карады.

- Силер үйгө киргиле, - деп Салима ички бөлмөсүнө алып кирип милицияга чалды да кайра чыкты, Данияр эч нерсеге алы жетпей баш чайкай берип жүткүнө коляска менен Айсулуунун жанына жетти.

- Аа-а байкушум ай, катыныңдын кордогонуна чыдай албай калган экенсиң, - деп аны карап койду Айсулуу, - Балдарыңды карачы, тааныбай жатканын.

- Келбесеңер кайдан тааныйт эле, бир басып келбесеңер ким экениңерди кантип билсин, балалуу болду агаңар басып келдиңерби? - Салима ага жини келе карады.

- Сендей сойкуну алып алса эмнеге келмек элек?

- Оозуңа карап сүйлө, менин сойку экенимди далилдеп бер! - деп анын маңдайына келип тирелише калды, - Элдин баарын өзүңдөй көрбө!

- Мен эмне экенмин? - Айсулуу кызаңдай түштү, - Ушу сени алган ушунун шору көп! - деп Даниярды чыкыйга сөөмөйү менен нукуду.

- Тарт колуңду, сен ошого эле күйүп кеткендирсиң, сыйыңар менен чыгып кеткиле! - деп Салима анын колун түрттү.

- Сен эмне деп жатасың? - деп Максат Салимага колун көтөргөндө кыйналып кыймылдай албай жаткан Данияр коляскадан кулап түштү, Салима аны кучактай калды, же иниси же карындашы кармап койбоду.

- Кана күйүп кеткениңер, кармашып койбойсуңарбы? - деп Салима Максатка кыйкырды, анткени аны көтөрө албайт эле, - Өлгөнүн каалап жатасыңарбы?!

- Оозуңа карап сүйлө! - деп Максат аны түртүп ийди, - Бул менин агам, чыгып кеткиле үйдөн!

- Сен чыгып кет, тапканын кара кууп чыга турганды.

- Тилиңди тартып калчы, - деп Максат Даниярды коляскасына отургузуп Салимага сөөмөйүн кеседи, - Бул үйдө сенин акың дагы жок, - деп колунан тартып эшикти көздөй сүйрөп баратканда Асан менен Үсөн ага жармашты:

- Кое бер апамды, кеткилечи үйүңөргө.

- Кое берчи апамды, эмнеге апама тийесиң?

- Жогол азыр, - деп аларды буту менен жаза тепкенде экөө чырылдап апасын кармап ыйлап киргенде эшиктен милициялар кирип келди.

- Эмне болуп жатат бул жерде?

- Эчтеке, - деп Айсулуу кулжуңдай карады, - Агамдын абалын көрдүңөрбү?

- Эмне болду?

- Ооруп жатса карабай таштап коюптур.

- Байкап сүйлө, - деди Салима, - Булар күйөөмдүн өлүмүн тилеп үйүн талашканы келиптир, чынында бул үйдү менин ата-энем алып берген, - деп айтып жатканда Максат сыртка чыгып кетти.

- Жүргүлө, бөлүмдөн териштиребиз, - деди милиция аларга.

- Мен күйөөмдү таштай албайм, авариядан ушундай акыбалга келип отурат, булар менин балдарым менен үйүмдөн чыгарууга аракеттенгени үчүн арыз жазып берем, колдорумдун көк аласын эртең врачка көрсөтүп справка алып өзүм барамын, - деди Салима.

- Жүргүлө, сиз жүрүңүз, - Милиция Айсулууну карыдан алды.

- Коюңузчу, биз байкебизди алып кетебиз, ошону үчүн эле келгенбиз, - деп куйтулана карады, - Мунун үйүн эмне кылат элек, бул иштесе иштесин, - Күлүп карады, - Салима, байкемдин кийимдерин даярдай койчу, алып кетели.

- Буга эмне дейсиз? - деди милиция Салимага.

- Алса алып кетсин, бирок мен арыз жазам, балким булар дагы келишет, жаш балдарым менен эмне кылаарын ким билет?

- Кой айланайын, силерди эмне кылалы, ооруп жаткан байкеме эле боорубуз ооруп жатпайбы, - деп жойпулана баштыктагы Салима берген Даниярдын кийимин алып колясканы сүйрөп сыртка карай жөнөдү, Салима арыз жазып берип:

- Көз болуп туруңуздар, - деди.

- Жарайт, өзүңүз дагы сак болуңуздар, - деп милициянын капитаны ага сугун арта карап койду, - Күйөөңүз канчадан бери минтип калды?

- Алты ай болду.

- Сизге кыйын болгон экен, сөзсүз кабар алып турабыз, - деп чыгып кетти, Салима сылык гана узатып кала берди. Салима ал түнү уктай албай кыйналып чыкты: "Байкушту карабай өлтүрүп коюшпаса болду, ушундай дагы адамдар болот экен да, өлө электе ушинтет, кокус бирдеме болсо...

- Апа, атамды каякка алып кетти? - деди ойгоо жаткан Асан, - Алар эмнеге алып кетип калды?

- Карындашы да уулум, багабыз дейт.

- Жибербей эле койбойт белең? - деди Үсөн башын көтөрө.

- Мейли балдарым, багып дагы көрсүн.

- Атам барбайт болчу, калп эле алып кетпедиби, - Асан капалуу унчугуп жатып калды.

- Качан келет эми?

- Билбейм, акыры алып келет да, болду уктагыла, эртең мектепке жөнөйбүз, эрте турасыңар, - деди Салима экөөнү кымтылай жаап. Ошол бойдон балдары уктап калды, өзү ооналактап жатып таңга маал зорго көзү илинди: "Бул үйдү сатып башка үйгө көчпөсөм булар тынчымды кетирет, балдарыма дагы зыяны тийиши мүмкүн", - деп ойлоду Салима. Арадан он-он беш күндөй өтүп, алган айлыгы жетпей базарга барып арзан азык-түлүк карап жетишинче алып кайра келе жатса капитан Орозбаев Самат жолугуп калды:

- Оо кандайсыз? - Көрүп билип жүргөндөй учурашып жылмая карап эпилдеп кирди, - Жакшы жүрөсүзбү, тынчыңызды албай элеби?

- Азыр тынч эле, бирок күйөөмдөн абдан тынчсызданып жатам, аны кууратышты го, тамакты да өзү иче алчу эмес эле.

- Кабатыр болбоңуз, өзүңүз жаш экенсиз, оорукчан адамды багуу оор келсе керек, бага берсин дебейсизби.

- Сиз ошондой акыбалга түшүп калсаңыз аялыңыз таштап өзү үчүн гана жашашын каалайсызбы? - деп Салима ачуусу келе карады.

- Андайдан кудай сактасын, сизге боорум ооруп жатат.

- Ал дагы жаш, сиздей эле ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган кези эле, кырсык экен, ушундай абалда калды, сакайып кетет деген үмүт менен карап отурам, - деп басып кетмек болгондо Самат аны токтотуп калды.

- Салима токтой турчу, чай-пайлашалы.

- Рахмат сизге, өз кызматыңызга так болуңуз, бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт болбой, - деп Салима тез-тез басып кетип калды. Орозбаев ыңгайсыздана мылжыя карап кала берди. Салима ызалана үйүнө келди, Шекеркүл келип күтүп жаткан экен, Тилек басып калган.

- Апа, качан келдиң? - деп апасы менен учурашып анан Тилекти карап, - Кел-келе гой, учурашалы, - деп эки колун ага созуп келе жатып кадимки эгиз балдарынын ушундайындагысы көз алдына келе калып төбөсүнөн ылдый муздак сууну бирөө куюп ийгендей бүткөн бою дүр дей түштү, өзү Тилекти өөп жатканы менен: "Бул анык Даниярдын баласы го, атайын таежемдин үйүнө өзү таштатса керек, муну далилдеп чыгышым керек, андай болсо мен Тилекти жок кылам", - деген жаман ой башына келип баланы кучактаган бойдон бекем кысып алган экен чырылдап бакырып ыйлап киргенде Шекеркүл жетип келди:

- Салиш, сага эмне болду, баланы өлтүрөсүң ботом, кое бер! - деп карышкан колун зорго чыгарды, - Сага эмне болду ботом, өңүң чөптөй саргарып кетти го?

- Билбейм апа, Тилекти ким таштаган экен өзү? - деди калыбынан жазбаган Салима, - Менин оюма бир башка ойлор келип жатат, Асан менен Үсөнгө аябай окшош да...

- Балага бала окшошо берет кызым, анын үстүнө баккан бала башынан окшошуп калат, антип күмөнсүбөй жүр, - Шекеркүл кызын жубата карады, - Ушу сен өгөйлөп жүрөт окшойсуң, атаңдын бар байлыгын ушу жамандан кызганып, кой балам антпей жүр, мунун да өз ырыскысы бар, атаң экөөбүзгө эрмек болуп калды, Алима экөөңөр бизге балаңарды берет белеңер? - деди кайраттуу.

- Билбейм апа, кийинки кездерде мен Тилекти көрсөм жаман боло берчү болдум, ушул Данияр атайын таежемдердин үйүнө таштатканбы дейм, - Салима ойлуу үйүн ачып ичкери киришти.

- Даниярдан күмөн кылбай эле кой, бул бала эми биздин балабыз, силердин бир тууганыңар кызым, - деп отуруп калды, андан кийин өзү жөнүндө айтып ыйлап алды, Даниярды алып кеткенин, ага сары санаа болгонун айтып ыйлап жатты.

- Анын оорусун күчөтүп карабай коюшса эмне болот апа?

- Кудай сактасын, эми алар дагы адам, өгөй болсо дагы аталашы эмеспи, кантип эле карабай койсун кызым.

- Ишенбейм апа, ушул жерде мага кылганын көрсөң минтип айтпайт элең, - деп ашканасына кирип тамак жасап кирди, анын майда азык-түлүк алып келгенин көрүп эненин ичи ачышып чөнтөгүндөгү атайын алып келген акчасын берди.

- Өзүңөр барбайсыңар, атаң малдан колу бошобойт, мен болсо бала менен колум байлануу, барбаганыңдан акча алып келдим, шаарда жашоо кыйын садагаң, - деди токтоо, - Асандар окууда беле?

- Ооба, алар азыр келишет апа, тим койбойт белеңер, өмүр бою силерден алып жеп-ичип оңой оокатка көнүп алганга жашоонун баркын билбей өтөбүз го? - Салима апасына эркелегендей күлө карады, - Андан көрө жашоонун кыйналышын көрөлү деп ойлогом, өмүр бою эле бизге бере берет белеңер?

- Көзүбүздүн барында силер үчүн жашайбыз, эчтекени аябайбыз кызым, антип өзүңдү кыйнабай жүр, силерден башка кимибиз бар, тиги акеңердин өз бала-чакасы бар, төркүнү жок дедирбей бар экени гана жакшы эмеспи, - Шекеркүл кайниси Сапар жөнүндө айтты, - Ал байкуш намыска турат.

- Апа, качан кетесиң?

- Эки-үч күн турсам дегем.

- Мен үйдү сатып башка үй албасам болбойт.

- Ошент, орун которуп кетип кал кызым, - деп Шекеркүл ага макул экенин билгизди, эне-бала сүйлөшүп отурганда Асан-Үсөн ээрчише кирип келди.

- Апа, биз келдик, - Асан эдиреңдей кирип келди.

- Апа, кардым ачты, - деп Үсөн анын артынан кирди.

- Кийимиңерди которунуп отургула.

- Макул, - Экөө тең ары кетишти, балдарын бир карап, Тилекти бир карап алардын бири-бирине абдан окшош экенин дагы көңүлүнө түйүп койду: "Бул окшоштукта бир сыр бар, кандай болушу мүмкүн, кантип түйүнүн чече алам, балким апам бир сырды менден жашырып жүргөн болсочу, кантип ошентсин, же Алиманын сыры болсочу, Данияр Алиманы...", - деп ойлогондо өзүнөн-өзү жаман болуп кетти, бирок бул сырдын түйүнүн чечүү оңойго турбасын сезди. Бирдеме десе апасы көңүлүнө алат, айтпайын десе жүрөгүн өйүгөн ой анын жанын жай алдырбайт. Салима жумушуна кеткенде Шекеркүл үйүндө калып беш-алты күн болуп калган, түш ченде сырттан дабыш чыкты.

- Үйдө ким бар? - деген, Шекеркүл чыга калса милиция кызматкери экен, - Жапарова Салима ушул үйдө турабы?

- Ооба айланайын, эмне болду? - Шекеркүл үрпөйө: "Дагы эмне балакет болуп кетти, тынч болсо экен", - деп коркуп кеткен эле.

- Бул кагазды берип коюңуз, сотко чакыруу кагазы.

- Эмне деген сот экен?

- Барып көрөт, сөзсүз берип коюңуз, - деп кетип калды, көп өтпөй эле Салима келип ага кагазды берди, ал көз жүгүртүп эле шашыла жөнөдү.

- Ботом, эмне деген сот, мен кошо барайын.

- Жок, келгенде түшүндүрөм апа, балдар келсе кардын тойгузуп отура бергиле, - деди да жөнөп кетти. Ал келгенде соттун отуруму башталаарына он мүнөттөй калган эле, алдынан чыккан Айсулуу аны көрүп ээрдин түйрүй ээликтеп койду, коляскада отурган Даниярды көрүп зээни кейип кетти, анын чачы, сакалы өсүп, арыктап жүдөп кеткен экен, Салиманы жалдырай караса жүрөгүң ооручудай, негедир ал ага бирдеме айткысы келгендей түр көрсөтүп жанына чакыргандай болду.

- Данияр кандайсың? - Анын жанына жетип калганда Айсулуу булкунуп кирди:

- Жолобо ага, азыр сот болот, анан көрөм сени!

- С-са-алима, м-мени а-алы-ып к-кке-ет, - деди кекечтене араңдан зорго сүйлөгөн Данияр.

- Болду, өлө албай жатып өлөң айтканын, - деп аны Айсулуу кагып койду. Аңгыча аларды чакырып калды. Орун алгандан кийин жаш, сулуучумак сот Салимага кайрылды:

- Сиз жөнүндө жазылган доомат менен таанышсызбы?

- Жок.

- Анда сиз оорулуу күйөөңүздү карабай жалгыз таштап коюп өз билгениңизди кылып шапар тээп жүргөнүңүз чынбы?

- Жалган!

- Эмесе мындай, сиз күйөөңүздүн маңдай тери менен тапкан үйдө турасыз, ошону оорулуунун бир туугандарына өткөрүп берүүгө макулсузбу?

- Жок, ал үйдү менин ата-энем алып берген, чынында булар ага жакшылык каалабайт, мен өз колум менен буларды сотко кайра берсем болобу? - деди Салима, - Менин күйөөмдүн аталаш бир туугандары болот, мурда таптакыр катташчу эмес, Данияр экөөбүздүн бирге жашаганыбызга он жыл болду, буларга агасы эмес үйү керек болуп турат менимче, жаңылышат алар, үйдү алганда эле ата-энем мага каттаткан, - Салима кызуулана сүйлөдү, - Эгерде ишенбесеңиз күйөөмдөн сурап көрүңүз.

- Анын сүйлөй албаганынан пайдаланып жатат, айтканынын баары жалган! - деди Айсулуу тура калып.

- Сиз сөз келгенде сүйлөңүз, кана оорулууну жакын алып келиңизчи, - деди Салимага, ал колясканы түртүп соттун алдына алып келди, - Сиз айта аласызбы, аялыңыздын айтканы туурабы же карындашыңыздын дооматыбы? - дегенде Данияр кыйнала башын чайкады.

- Ж-жо-ок, С-са-али-има к-калп а-айт-тпайт, - деди кекечтене араң сүйлөп, - М-мени а-алып к-ке-ет, т-таш-штаба м-мени ал-ларга, - деп Салимага жалдырай карап көзүнүн жашы куюлуп турду, Соттон айбыгып Айсулуу менен Максат үндөй албай бири-бирин карап алып анан:

- Үйдөн башкача сүйлөп биерге келгенде кылганын кара, сиз акылынан ажыраган оорулууну укпай мени угуңуз, арызымды жетик карабасаңыз кайра арызданам, - деди.

- Ал өз ишиңиз, бирок бул жерде оорулуунун дагы пикирин угууга акыбыз бар, арызыңызды текшерип бүткөнбүз, тынч отуруңуз болбосо каалаган жагыңызга арыздана бериңиз! - деди сот Эрмек Алиевич Айсулууга ачуусу келе, - Кимге, кайда даттансаңыз өзүңүздүн эркиңиз.

- М-мени, м-мени к-ка-алтыр-бачы-ы! - деп ийди Данияр, Эрмек Алиевич сотту беш мүнөткө токтотту, прокурорлор менен адвокаттар өздөрүнчө сүйлөшүп чечимди чыгарып анан жарыя кылды. Даниярды эшикке Айсулуу сүйрөп кеткен, Салима артына кайрылып:

- Сизге рахмат, - деди жылмая, - Адилет сот бизде деле бар экенине көзүм жетти.

- Эч нерсе эмес, бул менин ишим, милдетим карындаш, бирок дагы чагым кылышы мүмкүн, күйөөңүздүн айтканына таяндык, сак болуңуз, бекем туруңуз, - деди Эрмек Алиевич мээримдүү жылмая.

- Рахмат, жакшы калыңыз.

- Жакшы барыңыз, - Эрмек аны артынан узата карап саамга туруп анан ылдамдай басып кетти. Бул экөөнү бир жакындык бири-бирине тартып тургандай сезди, бирок ал эмне экенин түшүнө албай: "Сулуу келин экен, күйөөсүн катуу сүйсө керек", - деп өзүнчө жылмайып Салиманы көз алдына келтире ийин куушура өз иштерине киришти. Аны дагы чыр-чатактуу иштер күтүп жаткан эле.

Салима сыртка чыкса Данияр туруптур, эки жагын карап анан ага жетип келди:

- Алар сени таштап кеттиби?

- О-о-оба, - деп кубанганын билдире башын ийкеди Данияр.

- Акмактар колунан эчтеке келбей калганда таштаган экен да, - деди да кайра ичкери кирип баарына айтып арызын таштап чыкты, анан өзү Даниярды таксиге салып үйүнө келди.

- Ата-а!

- Атам келди! - деп эки уулу жүгүрүп келип кучактап калышты, ал балдарынын ушунусуна кубанганынан үнсүз ыйлап турду. Салима үйүн сатууну тездетип алып-сатуу агенттигине кайрылып жатып үйдү сатты да бир бөлмө үй сатып алып такыр алыска кетип калды, шаар ичинде болгону менен арасы бир топ эле бар. Башка мектепке орношушу кыйын болду, балдарын эптеп мектепке киргизип өзү жүгүрүп жүрүп бир мектепке орношту. Айлыгы аз, бирине жетсе бирине жетпейт, ата-энеси азык-түлүк эт-аш ташып эле турат, ошентсе дагы күндө Даниярдын дары-дармегине жетишпей кыйналат. Үйдөн ага массаж жасап күндө мазь сыйпап буту-колун ушалап турчу болду. Данияр өзүн-өзү өлтүрмөк дагы болуп аракет кылды, бирок андан айла болбоду. Салима аны көз жаздымдан чыгарбайт, балдары эртең менен окуп, өзү сабакка түштөн кийин барат, ошентип убакыт өтүп бара-бара Даниярдын өңү оңолуп баратты, бир күнү анын жанына суусаганда иче турган сокту коюп кеткен, аны алганга аракет кылып колун сунмак болду, бирок өзү күтпөгөндөй жансыз колдорунун башы кыймылга келип калды, кубанганынан жүрөгү кабынан чыга дүкүлдөп кетти, сүйлөп калганына көп болгон эле.

- Оо жараткан, чын эле кыймылдадыбы, ырас эле мен сакаямбы? - деп сүйлөнүп алып көзүнөн жаш чыга түштү, "Мен жазаландым окшойт, аялыма кара санадым, сиңдисин буздум, ак дили менен каралашкан үй-бүлөөгө так калтырдым, алардын каргышына калдым, өз ата-энемден көрбөгөндү көрдүм эле, ишенимин аткара албадым", - деп ойлонуп отурганда Асан кирди.

- Ата, кардың ачтыбы?

- Ооба уулум, Үсөн дагы келдиби?

- Келди, азыр мен чай коем, - Сумкасын коюп ашканага жөнөдү.

- Этиятта балам, - деди Данияр артынан.

- Мен келди-им! - деп Үсөн кирип атасын өптү, - Мен бүгүн беш алдым ата. Асан баа алган жок.

- Эмнеге, билбей калдыбы?

- Жок, даярданган эмес, билбейт да аның.

- Сен жардам бербейсиңби уулум.

- Өзү болбосо эмне, - деп ал дагы сумкасын койду.

- Калп айтат, мен деле жакшы билем, эмне жамандап жатасың? - деп Асан келди, - Өзүң билбейсиң го, менден көчүрөсүң дайыма.

- Мен кээде эле көчүрөм, - деп Үсөн жер карады, - Сен мендей билбейсиң баары бир.

- Балдарым, экөөңөр ынтымактуу болгула да, апаңарды уят кылбай турган болгула, бизди багам деп апаң кыйналып жүрөт, - Данияр эки уулун карады, - Силер жакшы окуп, ынтымактуу болсоңор биз сыймыктанабыз да, уктуңарбы балдар? - деди күлүмсүрөй. Үчөө бирге отуруп андан кийин чай ичишти, экөө идиштерди жууп, ашкананы тазалап койду, анан сабактарын окуп отурушканда Салима келди.

- Оо, менин балдарым иш кылганга жарап калган го? - деп күлүмсүрөй карады, - Атасы, балдарыңды көрдүңбү?

- Көрбөй анан, сага жардамчы болгонго жарап калышты.

- Өзүң кандай, зериккен жоксуңбу?

- Зериккенде колумдан эмне келет Салиш, сага ыраазымын, - Кабак чытый буттарын карады, - Салиш, мен дагы бир врачка көрүнүп көрөйүнчү, болсо боло турган болсун...

- Анан, эмне кылайын дейсиң? - Салима ага жылмая карады, - Дагы бир ишти ойлоно койдуңбу?

- Жо-жок, үмүт менен жашоого болот го, балким бир жакшы сөз айтса аракет кылаармын.

- Макул, эртең сабакка барганга чейин көрсөтүп келейин.

- Сага жүк болдум го?

- Бул эмне деген сөзүң Данияр, мен сени жүк болдуң дедимби, же кабак чытып капаландымбы, жаман сөз айттымбы? - Салима анын маңдайына келип эки тизээсине колдорун коюп көздөрүнө тигилди, - Мен сенин сакайып кетишиңди гана кудайдан тилеп отурам го?

- Кечир Салиш, кечир мени, - деди туюк гана Данияр, - Сени кыйнадым, өзүң зорго сакайып эл арасына кошулганда мен минтип...

- Эч капаланба, минте берсең, кайра ооруп каласың, анда биз кантебиз, балдарыңдын келечегин ойлобойсуңбу, - Салима күйөөсүн кучактап башын ийинине жөлөдү, - Сакайып кетесиң Даке, менин сыркоо убагымда сен мага дем бердиң, жанымда болдуң, мен сени таштап кое аламбы? - Үнү кардыга көзүнө жаш тегерене түштү.

- Болду жаркыным капаланба, кудай буйруса баары жайында болот, балдарды бирге тарбиялайбыз, бактылуу жашообузду улантабыз, - деп аялын жүзүнөн сүйдү: "Ээх чиркин, бей күнөө байкушум, менин эмне күнөө жасаганымды билсең кандай абалда калаар элең, шекип жүрдүң, бирок аныгына жете албадың, апама рахмат Алима экөө тең ушуну аяп тым-тым болушту, аттиң адам баласынын күнөөсү башынан ашса дагы ден-соолугу барда эч нерсеге түшүнбөйт экен да", - деп ойлонуп отурду, ошол убакта өзүнөн-өзү эле колдору көтөрүлүп Салиманын жонуна жеткенин байкабай калды.

- Данияр? - деп Салима ага суроолуу тигилди, - С-сенин колуң, сенин колуң...

- Ооба алтыным, бүгүн кыймылдай баштады.

- Оо кудай, кандай кубаныч, бул үчүн жыт чыгарып жети токоч жасабасак болобу? - деп жашы куюлуп өпкүлөп ордунан тура шашкалактай ашканасына жүгүрдү, - Мен камыр жууруй коеюн.

- Чарчадың го, эртең эле жасасаңчы, - деди Данияр, ошентип бул үй-бүлөөнүн кубанычы койнуна сыйбай турду, акырындап кыймылга келип үй ичинде баса баштады, бактылуу үй-бүлөө кадимкисиндей бири-бирин сыйлап, баштарынан көп нерсе өтүп турмуштун ачуу-таттуусун көрүп жараткандын улуулугуна тан берип калган. Асан менен Үсөн үчүнчүдө окуп калган, Тилек беш жашта, тили булбулдай сайрап, жүгүрүп жүргөн, балдар менен ойноп жүрүп катуу жыгылып башынан тийгендиктен кан көп кетип шаардагы ооруканага алып келди. Кан көп кеткендиктен кан куюга туура келип баары тапшырышты, бирок эч кимисиники туура келбеди, Салима Даниярды көндүрүп алып келди эле ошол жерден алып дароо куюшту. Ошондо Салима дароо ойлонуп ачуусунун келгенинен Даниярдын үстүнө кирди:

- Мен билгемин, Тилек сенин гана балаң экенин, айт азыр энеси ким? - деп көздөрүн чакчайтканда жаңы гана кан берип жаткан Даниярдын жүрөгү солк эте түштү.

- Эмне деп жатасың, ойлонуп сүйлөсөң боло, - Кара күчкө жанталашып актанып кирди.

- Жаныңды жебе, ачыгын айтпасаң эми сени менен ажырашам! - деп чыгып кетти.

- Салима, Салима! - деген бойдон Данияр шалдая жатып калды, Салима үйүнө кетип калды, ал апасына бармак, аяды аны, анткени ошол бей күнөө наристе үчүн апасы жанын коеорго жер таппай ыйлап сыктаганын көрүп туруп даабады, эки-үч сааттан соң Данияр келип калды. Аны көрүп атырыла ордунан тура калды.

- Ийи, чындыкты айтканы келдиңби, кайдагы немени туудуруп коюп, аны ала албай кайра таежемдин үйүнө сен таштаттың беле, кана ачыгыңды айт?! - деп маңдайына келип ачуусу келгенинен калчылдап турду.

- Эсиңе келчи Салиш, мени укчу бай болгур.

- Эмнени, ачыгын айтасыңбы?

- Ачыгы эмне экенин өзүм дагы түшүнбөй турам, - Салиманы эки карысынан ала булкулдатты Данияр, - Менин Тилекте эч кандай тиешем жок, жөн эле өзүңдү кыйнай бербечи, - деди аны тынчтандырууга аракет кылып, - Кээде ошондой боло берет, таптакыр башкалардын каны деле туура келип калат го?

- Жо-ок, сен менден бир нерсени жашырып жатасың, Тилектин биздин балдарга аябай окшош экенин мен эбак эле билгемин, - деп ыйлап отуруп калды, - Менден бир сырды жашырып айтпай жатасың Данияр! - Башын эки колдоп кармап токтоло калды, - Муну ушул бойдон калтырганда болбойт, текшертемин, сөзсүз аныгын билмейинче жаным тынбайт.

- Мейли бай болгур, кандай кылсаң өз эркиң, иши кылса сенин аныктамаңа чейин тынчыраак жашайлычы, - Данияр ага ачуулана карады: "Осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тытат дегендей кызык болду го, биздин өлкөдө текшере кое турган эчтеке жок, каалаганын кылсын, башка өлкөгө жөнөтүш үчүн каражат керек", - деп ойлонуп отуруп калды, Салима өз ойлору менен алек, балдары өзүнчө аларды карап унчукпай тура беришти, ал күнү алар келише алышпады, эки жакты карап жатып уктап таң атырышып эртеси Данияр эрте туруп кетип калды. Салима өзүн-өзү тилдеп: "Эмнеге эле Тилектен күмөнсүп калдым, мында бир сыр бар, сыр бар, кандай болгон бул иш, ошондо болгон ишти менден жашырып жатат, же таптакыр башка болсочу, анда Даниярды жөндөн жөн эле күнөөлөгөнүмдү ал кечирбесечи", - деп айласы куруп жатты. Тилекти бир айга жакын ооруканада алып жатып үйүнө чыгып барып түлөө өткөрүштү, мурдатан эркелетип койгон бала ооруканадан чыккандан кийин биротоло эркелиги күчөп калды. Жапар ага айланып үйрүлүп эле жаны калбайт, үйдөн чыгарбай суук түшүп калгандыктан саксактап турушат.

- Апа, ойноп келейинчи, досторума барам, - деди бир күнү.

- Кой балам, эшик суук болуп турат ооруп каласың, сендей балдар үйүндө отурбайбы, - деди Шекеркүл ага мээримин төгө карап, - Сен чоңоюп калбадыңбы, тил алчаак бала болгун ээ?

- Атамчы, атам дагы тил алабы?

- Анан эмей, атаң дагы тил алчаак да, - Күлүп калды.

- Сен мени жакшы көрөсүңбү?

- Ооба садагаң кетейин.

- Апа, оюнчук машийне алып берчи.

- Ма-акул, шаарга барганда алып берем, тигил оюнчуктарың менен ойноп тур, - деп алаксытып оюнчуктарын алып келип берди.

- Уулум ойноп жатабы? - деп Жапар кирди, суукта куудурап кесилип калган колдорун ушалана плитанын жанына отурду, - Суук катуу түштү го байбиче.

- Быйыл кыш оор болот окшойт.

- Ошондой го, Алима дагы каттабай калды, баласы чоңоюп калды бекен? - деп Жапар кызынан кабатыр болгонун билдирди.

- Аман-эсен жүргөндүр, жол алыс, тиги балага дайындап бир барып келсек боло? - деди Шекеркүл чалына кыяк менен угуза, бешик алып барган бойдон бара элекпиз, же өздөрү келбейт, андан кийин экини төрөдү, бир бара алган жокпуз.

- Кое тур эми, биротоло жазда баралы, балага жолдо суук тийип калбасын, - деп Тилекке жакын отуруп ага ойноок баладай тийише сүйлөдү, - Уулум, сага эмне болду?

- Ата, оюнчук машийне сатып берчи.

- Ой садага кетейин десе, сатып бербей анан, жазында велесепет алып берем керек болсо, - Мурдунан кармап эркелетип койду, - Алиманын мурдуна окшоп турганын кара.

- Койчу, кайдагыны айтпай, - деп Шекеркүл чоочуп кетти, - Каери окшоп турат?

- Окшоп эле турат, болсо болот да, илгери биздин айылда такыр төрөбөгөн Гүлү аттуу аял бала багып алса кийин тим эле Гүлүгө союп каптагандай болуп чоңойгон, эл таңгалчу ага, - Жапар күлүп койду, - Ошонусу жакшы, өзүнүн баласы деп ойлойт да.

- Баладай эле кыялың бар да-а атасы, Тилегиң чоңойсо өзүңө окшошуп калат да анда? - Шекеркүл күлүп калды.

- Окшошпой анан, уулум өзүмдүн уулумсуң ээ?

- Ооба-а, - деп эркелей кетти Тилек, - Асан менен Үсөн эмнеге келбейт, алар менен ойнойт элем.

- Алар окуп жатышпайбы, келе албайт да жазында окуудан тараганда келишет, ошондо ойнойсуң уулум.

- Ии-ий да, жазында келеби?

- Ооба, жазында келет, - Жапар кыңкая уулу менен сүйлөшүп жатканда сырттан коңшусунун баласы баш бакты:

- Сизге бир киши мына муну берди, - деп конверт берди да кайра чыгып кетти, Жапар катты ачып караса дарек жазылуу экен, башка эчтеке жок. Ойлуу катты аласалдыра карап:

- Ким болуп кетти, келип кетиңиз дептир, - деп Шекеркүлгө карады, - Эмнеге чакырды экен ыя?

- Кайдан билем, барсаң барып көр да.

- Азыр кайдан, малдын тууту күчөп жатат, бүт күзгү туут болуп алды, сен карай албайсың го?

- Кайдан кокуй, анда жазда бараарсың.

- Бараармын, - деп унчукпай калды, кирип чыгып малын карап, үйүнө кирип уулу менен эрмектешип убакыт өтө берди. Ал дарек жазылган кагазды бекем катып койгон, бирок чолоосу жок эле, чилдеде Алима ыйлап-сыктап келип калды, колундагы баласын ала келиптир. Ата-эне үйрүлө андан көзүн албай улам бири суроо берип жатты:

- Эмне болду кызым?

- Күйөөң урдубу?

- Кайненең бирдеме дедиби?

- Жок, Азамат...

- Азаматка эмне болду?

- Эмне дейт, анын ошондою бар бекен?

- Мейли балам, - деди ошондо Шекеркүл кызын токтоо карап, - Сен аялсың, аял деген кечиримдүү болушу керек, үч балаң турганда аны кечирбей кайда бармак элең? - деди да небересин колуна алды, - Айланайын десе, таятасынын бир тайын чапканы келген турбайбы, тагалардан чоң табак алганы келген турбайбы? - деп бооруна кысып өөп анан кызына кайрылды, - Жакшы киши кечиримдүү болот кызым, ал сени кет деген жокпу?

- Жок, өзүм качып баса бердим.

- Ак кокуй күн ай, алар убара болуп издеп калышты го?

- Издесе издей берсин.

- Антпе, бир баланы өзүң менен сүйрөп атасыз, экөөнү аякка таштап энесиз өстүргүң келип жатабы, өмүр бою өзүңдү кечире албай жүрбө, балдарды ойлон! - деди Шекеркүл, ал Тилекти дагы айтып жатканын Алима түшүндү, үндөбөдү: "Туура айтат, төрт баланы жалдыратканым кантип болсун, Азамат жалдырады го, калп деп карганганына карабай качып келдим, мен жаман аял болсом керек, аталары менен өскөндөй болобу, кой кайра кетүүм керек", - деп ойлонуп калды. Жапар унчукпай отуруп калган, ага ушул эки кызынын бактылуу болушу гана керек эмеспи, ыйлап отурса боору ооруйт, бирок өзүнүн деле жаш кездеги жаңылыштыгын эстеп аялына ыраазы болду: "Туура айтат, балдарын жалдыратып таштаганы болбойт, үч уулу эми эле чоңоет", - деген ойдо кемпиринин кызын тилдегенин туура көрдү: "Башка аял болсо кайра күчөтүп кыз-күйөөсүн ажыратып тынбайбы, акылы бар кемпирдин, үйү бузулбасын деп жатат да", - деген ойдо отурду. Алиманын кичүү баласы бир жарым жашта, басып калган, өзү дагы бир жаштан төрөбөдүбү, Азамат жакшы эле жигит, Алиманын айтканы менен болот, ал там салып иштеп жүрүп бир шишкардын үйүн бүтүрүшкөндө ээси кой союп усталарды сыйлап жөнөтмөк болот, акчаларын алып анан отуруп калат, тамак менен бир бөтөлкөдөн арак берет. Ошондо ал кызып калып тамак жасап берип жүрчү келиндин койнуна кандай жатып калганын өзү дагы билбей калат. Эртеси Алиманы бирөө келип: "Күйөөң чакырып жатат", - деп дарегин берип кетет, көрсө анын үй-бүлөөсүн бузмак болгон келиндин ойлоп тапканы экен. Алима дареги менен барса тигил келиндин жанында дырдай жылаңач жаткан Азаматты көрүп эмне кылаарын билбей ыйлаган бойдон артына кайрылып баса берет, артынан келген күйөөсүн киргизбей бакырып кирет Алима.

- Кет, кетип кал үйдөн!

- Алиш, мени уксаң, мен атайын эмес, ал бизди...

- Укпайм эчтеке, балдарымды алам да кетем, - деп кийимин салыштырып жатканда бөкчөңдөй Паризат кирди, ага карабай ыйлап балдарынын кийимдерин дагы чогултуп жатканда:

- Балам, бир ачууңду мага бер, Азаматты кечирбесең дагы балдар үчүн мени ая, карыган кезимде бир сөзүмдү угуп кой, - деп келинине жалбарынып турганда Алима кары кайненесин кыя албады, аны чындап аяды, ыйлап-ыйлап отуруп калды, Азамат анын жанына келсе кагып салып үч күн өттү, анан күйөөсү алып келген акчадан жолуна алып алды да таңга маал кичүүсүн көтөрүп алып чыгып кетти... Алима ушуларды ойлонуп өзүнө-өзү жини келип турду, бирок ал кайра бара алмак эмес, намыс кылды. Ал келгендин эртеси Салима келип калды, эже-сиңди учурашкан соң.

- Качан келдиң? - деди Салима.

- Үч күн болду.

- Балдарың чоңоюп жатабы?

- Ооба, чоңоюп калды, - Алима жер карады.

- Алиш, сен негедир мага караганда көзүңдү ала кашчу болдуң, эмнеге эле менден жалтаңдайсың? - деди Салима учуру келгенде анын көзүнө тигиле, - Биз бир тууганбыз, экөөбүздүн сыр жашыраар жөнүбүз жок, эмнеге көздөрүң муңдуу көрүнөт?

- Эже, кантип сенден сыр жашырмак элем, мен Азаматтан баса бердим, - деп Алима ага болгонун айтып берди, - Эми барбайм десем апам болбой жатат.

- Болоор-болбос уруш урушпу, балдарың эмне болот?

- Билбейм.

- Азамат кечирим сурап келсе кой дебе, апам туура айтат, сени менен мени бактылуу болуп, үйү бузулбасын дейт да, - деп Салима ага ишенип калды, ал көптөн бери Алиманын өзү ооруп калганда качып калганынан шек санап жүрөн эле, бирок баары бир сыр түйүнүн сурап билүү үчүн өзү жалгыз келген, Алима баласын алып төркү бөлмөгө кирип кеткенде:

- Апа, жок дегенде сен чындыкты айтчы, Тилек Даниярдын баласы эмеспи? - деди Салима акырын.

- Кокуй күн ай, мен кимдики экенин кайдан билем, Анаркүлдөрдөн эле сурачы, - деди кейиген Шекеркүл, - Эмнеге эле балага асылып калдың?

- Апа, мени бир күдүк ой тынч алдырбай жатат, карасаң өзүң деле окшошуп турганын, жок дегенде чындыгын билсем жаным жай алып калат эле, же Даниярдан биротоло ажырашып тынат элем, - деп Салима ыйламсырап отурду, - Бул мен ооруп ооруканада жаткан кезге туш келип жатат, Тилектин туулган күнүнөн бери эсептесем ошол туура келет, кандайча ошондой болуп калды, кимдин төрөгөнүн билүүм керек апа.

- Болбоско башыңды оорутпа кызым, Даниярдыкы эмес, - деп Шекеркүл айтып жатканда Алима келе жатып босогодо катып калды: "Эмне дейт, эжем териштире баштаганбы, эми эмне болоор экен билип калса канттим, Тилекти кайда кетирип ийишет, эгерде Даниярдан менин төрөгөнүмдү билсе соо койбойт", - деп ойлонуп турганда, - Анаркүлдөн аныгын сурап алчы кызым, бейтааныш бирөө таштаптыр, алар деле билбейт, - деп Шекеркүл жолотпой жатты: "Байкуш апай ай, деги ортодо эмне болоор экен, эки жүздүү болуп куурады го", - деп дагы деле тура берди.

- Апа, таежеме барып дагы сурадым, ал деле сен айтканды айтып жатат, мен өзүмдү кармай албай жатам.

- Эсиң менен бол кызым, ошондой болсо дагы күйөөңдү кечирбеске аргаң жок, балдарың турбайбы, аларды атасыз калтырат белең кызым, терең ойлонуп анан иш кылганга үйрөн, жаш эмессиң, жаман-жакшыны башыңдан өткөрдүң, алла тааланын амири менен минтип соо-саламат маңдайыбызда отурасың, ушуга миң мертебе ыраазымын айланайын.

- Мейли апа, айтканыңдын калети жок, бирок Тилекти көрүп эки балама окшоштуруп...

- Болду унут баарын, Тилек биздин балабыз, көзүбүздүн тирүүсүндө ага эч кимдин сөзүн тийгизбей бакканга акылуубуз, ал бей күнөө наристеде не айып экинчи Тилек жөнүндө айта турган болсоң мага келбе! - деди Шекеркүл катуу айтып.

- Апа, ушу чыныңбы? - Салима күлүп кызыктай абалда апасын карады, - Чын айтып жатасыңбы?

- Мен силер менен тамашалашып курдаш же теңтушуңар белем, тигиниң эримден чыгам деп ыйлап келсе, сен кайра-кайра Тилек -Тилек дейсиң, менин дагы жүрөгүм бар балам, ооруйт сыздайт, уулум болсо бирөөнүн баласына жалдырамак белем ыя? - дегенде Салима апасына кайра боору ооруп кетти.

- Кечирчи апаке, мен сени капа кылайын деген жок элем.

- Апа, тамак даяр, келип тамак ичкиле, - деди Алима аларга сыр билгизбей.

- Азыр барабыз, - деди Шекеркүл, Жапар сыртта малын карап жүргөн.

- Атам байкуш жайы-кышы ушул да апа ээ? - деди күүгүмдө дагы үйгө кире элек атасына боору ооруп.

- Анан эмне кылат, карабаса катын, бакпаса мал кетет дейт кызым, мал боор эт менен барабар, жок болсо да, бар болсо дагы азап багып алса азилин көрөт адам, жок болсо жоктун азабы бар, бир туякка зар болгондорду көрүп жүрбөйбүзбү, - Шекеркүл шыпшына сөзүн бүтүргөндө Жапар кирди.

- Салиш, балдарды ала келбедиңби кызым? - деди куудураган колдорун бири-бирине жаный.

- Жок ата, алар окуудан калып калышат да.

- Ии-ий арамдар чоңоюп калдыбы?

- Ооба, киши болуп калышты, - Салима жылмая жооп берди.

- Өзүңөр менен өзүңөр болгула айланайын.

- Ата, мал бакчу адам алып албайсызбы? - деди Салима андан жооп күткөндөй, - Андайлар азыр толо, үй-бүлөөлүүнү алып алсаңыз жакшы эмеспи, карды үчүн жашагандар бар.

- Ийе, ошондойлор барбы? - Жапар кызын ормое тиктеди.

- Бар, мен иликтеп көрөйүн ата.

- Мейли балам, тапсаң тапчы, айлыгын деле берем, кыйналып баратам, картайдым окшойт сыягы, - Жапар унчукпай колун жууп келип дасторконго отурду, - Үй-бүлөөлүү дегениң кандай кызым?

- Эми алар балдары жок, же жашаар жери жок адамдар да ата, кээси жалгыз жүрүп кийин табышып алгандар болот, эптеп өлгөнчө жылуу жумшак, тынч жашоону каалагандар ошентип кете беришет, өткөндө бир аяшыбыздын атасы алып кетти, аялы менен экен, аларга өзүнчө бөлмө берип коюшуптур, аялы үй ишинин баарын жасаса күйөөсү малын карап сырттагы жумушун бүтүрөт экен, оңуп эле калышты дейт.

- Алып кел балам, бардын да жоктун да азабы бар тура, быйыл саал кагжырай баштадым, айрыкча жанагы кан басым деген балээ жармашты, ошондон коркуп жүрбөйүнбү, - деп чечиле кызына сырын айтып отурду, Алима аларга тамак куюп, чай алып келүү менен алек, төртөө тамактанып отурушту.

- Дарыларыңыз барбы анан? - деди Салима кабатырлангандай.

- Бар кызым, алып алгамын.

- Жаныңызда жүргөнү жакшы ата, мен сөзсүз шаардан мал бакчу адам алып келип берем макулбу?

- Ошент кызым, жанды бир эс алдырайын, айлыгың болот де, - Жапар ойлоно калды, - Айына канчадан десек экен байбиче?

- Билбейм ботом, экөөбүздүн пенсиябыз биригип беш миң болсо, анан канча дейсиң аларга? - Шекеркүл аялдык кылып саал катууланды.

- Апа, ичкен жегенин, жатаканасын эске алганда экөөнө эки миң сомдон десеңер болот, айылда эки миң сом аларга көп да, тамак-аш сатып албаса жетет, - деди Салима, көпкө чейин чечише албай аркы-беркини айтып отуруп анан жатышты, Салима кайра эле эрте кетмек болду, Жапар анын эмнеге келгенин түшүнбөй деле калды, болгону аны акча керек болуп келген экен деп ойлогон эле. Алима үйүндө көпкө жүрүп калды, Шекеркүл ал келгени оңуп эле калды, казан-аяктан чыгып, кир-гоктон кутулуп эс ала түштү, жаңы жылга он-он беш күндөй эле калган, бир күнү кечке маал корооонун тушуна машина токтоп аялдардын үндөрү угулуп калды, Алима сыртта жүргөн.

- Апа, абысындарым келди! - деп үйгө жүгүрүп кирди.

- Келсе келээр балам, төшөктөрдөн төшөп кой, - деди Шекеркүл камырабай, - Келгени жакшы, мен чыгайын, - деп ордунан туруп босогого жеткенде аларды Жапар үйгө баштап келе жаткан.

- Келгиле кудалар, жакшы келдиңерби? - Шекеркүл жакшы маанайда тосуп алды.

- Жакшы-жакшы, өзүңүздөр жакшы турасыздарбы? - деп Жамийла күйөөсүнөн ылдый орун алды, эки кайнагасы абысындары келген, Азамат күнөөлүүдөй башын жерге салып отурду, адегенде алдыларына чай коюп бир чыныдан чай ичилди, өздөрү айтсын дегендей Шекеркүл билмексен болуп:

- Келген экенсиңер кудалар, кудагый күүлүү-күчтүү жүрөбү, бала-чака чоңоюп жатабы? - деди жылуу жүз менен ал абал сурай.

- Кудайга шүгүр, - деди Арзымат, - Кудагый, биз ушул кыш чилдеде келип калдык, жолдун алыстыгына карабай, эми жаштар экен, таарынышып калыптыр...

- Апей ботом, анысын айткан жок эле, - Шекеркүл чоочулай карап койду, - Катуу бирдеме болгон го анда, минтип кыш чилдеде келбейт эле, биз жөн эле келген экен деп ойлогонбуз.

- Ошондой го, Алима деле эс-акылдуу, биз келинибизди сыйлайбыз, балдарга кыйын болду, апам кары...

- Балдарга кыйын болбой анан, эки дөө урушса ортосунда чымын өлөт дегендей булар таарынышса балдарга кыйын болот.

- Алимадан кечирим сура, - деп Арзымат Азаматка карады, - Экинчи урушуп-талашпай турган болгула.

- Ооба-ооба аке, - Азамат башын ийкегиледи, - Экинчи мындай болбойт, - деп нымтырады.

- Мейли, үй-бүлөөдө андай-андай боло берет, турмуш-жашоо оңой эмес айланайындар, курулган шаарыңарды уратып албагыла, үч бала турганда экөөң тең терең ойлонуп, жети өлчөп бир кесип анан чече турган болгула, - деди Шекеркүл салмактуу сүйлөп, - Биз силерди бөлүнүп жарылып кетсин деген ойдон алыспыз.

- Кудагый туура айтат, жакшы кишинин айтаары ушул эмеспи, башка бирөө болсо ким билет? - деп Жамийла дагы Шекеркүлгө ыраазы болуп турду: "Алима эчтеке айтпаса керек, акылы бар байкуштун, ырас болбодубу", - деп ичинен ойлонуп жатты. Жапар сыртка чыгып инисин ээрчитип келип союш сойду, кудаларын коноктоп анан узатты, Алима алар менен чогуу кетти, ата-эне бечара тапканын берип жөнөтүштү. Кайрадан экөө бир үйдө кичинекей Тилекти эрмек кылып кала беришти...

Алима үйүнө келгенде балдары баса калып апалап калды, кантсе да эне эмеспи эки уулун алмак-салмак өпкүлөп жатты. Паризат келинине ыраазы боло карады:

- Айла-анайын десе, кантсе дагы тарбия көргөн атанын кызысың да, болгон эменин баарын айта берген жеңилдигиң жок, Азаматты мага кой, эми бир каталык кетирсе өзүм жазалайм.

- Коюңузчу апа, кантип атамдарга айтмак элем, аларды ойлонткум келбеди, ачуум менен кетип калып кайра өзүм уялдым, - деп өзүнчө уялып калды.

- Жашоодо көп кырлуу сырдуу кезеңдер болот балам, ошонун баарын аял көтөрүп, аял кечирип, аял гана түздөй алат, өзүңө бекем бол, бирөө бузуп, бирөө ажыраткысы келет, андайда көтөрүмдүү болууң керек, - Эне келинине сын көз менен карап койду: "Энеси жакшы катын, болбосо чымындай нерсени төөдөй ылып кызын жибербей турмак, Жапар куда дагы жакшы киши экен, куулук шумдугу жок момун, ушундай жакшы жерге туш келгенибизге шүгүр", - деп ойлонуп отурду.

- Апа, атам Нургелге бир тай айтты, аны жазда алып келели ээ?

- Аа-а, арам десе, таятасынан тай өндүргөн экен да, - деп Паризат күлүп калды, - Жээн киргенче жети бөрү кирсин деген ошо.

- Ооба, барганда эле көрсөтүп мингизип жаткан.

- Мейли айланайын, буйруса алып келип аласыңар, баса минтип отурбай элчилеп соода кылсаңар боло, корооңордо мал турат, Азамат дагы ар жактан иш издебей үйдө болот эле, - деди эне, мунусу эки жакка кетсе дагы бир жосунсуз жорукка барабы эркек неме, эрден чыккан келиндер азгырып кетсе очогу бузулабы деген кооптонуусу экенин Алима сезди.

- Азамат мал алып сатса болот эле.

- Ошентсин, бир уйду сатып ошону иштет дейин, - Кайнене келин сүйлөшүп, бир нерсени чечишип отурганда Азамат кирди:

- Апа, мен жумуш таап келдим.

- Кандай иш балам, ушу кычыраган кышта.

- Кургак иш, жыгачтан жасайбыз.

- Эмнени жасайсыңар? - деди Алима.

- Үйдүн чатырын.

- Балам, - деди Паризат, - Аны кой дагы ушул базарда бир уй сат, ошону иштет, адегенде майда жандык алып сатып көрбөйсүңбү?

- Ошентсе болоор бекен?

- Эмнеге болбойт, баары эле бизнес кылып жатпайбы, - деди Алима, үчөө кеңешип отуруп бизнеске Азаматты көндүрүштү, ошондон баштап иштей баштады, дагы бир күнү базардан арзан мал алганы жүргөн Азаматка баягы бир түнөп кеткен ашпоз келин жолугуп калды:

- Кандайсың Азамат? - деди ал ага айланчыктай калып.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Сени күтүп жүрөм, жүрөктү ээлеп алып, бир түйүлдүктү таштап коюп кабарсыз кеттиң, - деп Жазгүл калың пальтосунун сыртынан ичин сыйпалап койду, - Муну көрдүңбү? - Жылмая карады.

- Эмнени айтып жатасың? - Азамат аны жийиркене карады, анткени анын туш келген эркектер менен жатып жүргөнүн угуп калчу, аялдарга караганда эркектер ушакчы келет эмеспи, бирге иштегендер мактанып кала турган.

- Биерде сенин балаң жатат, - Жазгүл ого бетер тийише сүйлөп колун өзүнүн ичине алып бармак болгондо Азамат колун силке тартып алды.

- Көрүнгөндөн болгон немеңди мага жармаштырба!

- Азамат, чынында бул сенин балаң.

- Калп, мага жолочу болбо! - деп ары карай басып кетти, аны күлүмсүрөй караган Жазгүл: "Сени шашпа, акыры меники болосуң, аялың үйүңдөн көчө качкандай гана кылбасам", - деп ойлонуп жолуна түштү. Азамат ошол күнү үч эркек торпок алды, үйүнө айдап келип короого киргизип үйүнө кирип плитанын жанына отура калды.

- Үшүсөң ысык чай ич, - деди Алима.

- Суук укмуш, ушунчадан бизнести кышында баштапмын.

- Анда алган малыңды жазга чейин бага бер да.

- Анда бизнесим артка жылып кетпейби? - деп Азамат күлүп алды.

- Анан эмне кыласың, суук катуу болуп жатса, жазга чейин чыда.

- Суукту билеби бизнес, кызып калганда токтотпой эле коеюн.

- Балам, - деди уул-келининин сөздөрүн угуп отурган Перизат, - Адам баарына чыдаш керек, уйкучуга жалкоого бербейт, чыдап иштесеңер азилин көрөсүңөр айланайын.

- Ооба апа, мен дагы тырышып жатам да, үч торпок пайдасы болду, он кой алдым, бир уюң тура берсе турат эле, апамдын акылы туура болду, - деп Азамат барбалаңдап калды.

- Барга көппөй, жокко чөкпөй жашай билгиле балдарым, - деди эне, анын оюнда балдары өзүнүн көзү өткөнчө өз-өзүнчө бутуна туруп жашоолоруна кам көрүп тынч жашап калса деген эле тилеги болчу. Уул-келини анча деле урушушпайт, кээде болоор-болбостон кер-мур айтышып калбаса тынч. Жазгүл Азаматты жактырып калган бой келин, буга чейин далайлар менен жүргөн, атасы жок, апасы кары, эки агасы Россияга кеткен, эки-үч айда акча салып турат, пенсиясы деле жакшы, күндөп түндөп жүрүп кээде апасын карабай үч-төрт күндөп кетип калат, андайда Бурулкан эне эптеп чайын кайнатып ичип жатып алат. Жазгүлдү урушканга да кудурети жок, өтө картайып калган неме керээли кечке жата берет. Бир күнү өзүнүн сиңдиси келип калды, үч күндөн бери Жазгүл келбей үйү суук болчу, бүрүшүп жатып алган эжесин көрүп боору ооруп кетти:

- Эже, ийе эже, ойгоосуңбу кокуй? - деп бетин ача берди.

- Ии-ий, уктап кеткен турбайынбы, - деп Бурулкан көзүн үлдүрөтө ачты.

- Бул эмнеси ыя, кыз бербей эле сага бир желмогузду берген го, үйдүн суугу кантет, өлүп каласың го, каякка кеткен кызың?

- Мен кайдан билем?

- Оолдо шордум ай, кой сени алып кетейин, жалгыз тамда өлүп калсаң эл эмне дейт ыя? - деп Айымкан үйүнө от жагып, ысык тамак жасап жатканда Жазгүл келди, - Ой шерменде, каякта жүрөсүң, карыган немени кароосуз өлтүрмөк болупсуң го? - деп ага бир тийди.

- Мен иштеп жүрөм, ойноп жатыптырмынбы?

- Иштебей кара жерге кир, жалгыз кыз болсоң ушу энеңди жөн эле чаң жугузбай карабайсыңбы ыя?

- Багып эле жатам, - деп Жазгүл ага моюн бербеди.

- Сен дагы элге шерменде кылып бүттүң, абийир дегенди ойлойсуңбу, иштеп эмне кыласың, акчаны Каныбектер салып жатат го, эжемдин пенсиясы эле өзүнө жетмек, ысык-жылык ичпей куураптыр, токсонго чыккан немени кароосуз өлтүрөсүң го минтип жүрсөң, - деп Айымкан бир топ сөз айтып урушуп жатты, Жазгүл ага кулак дагы салган жок.

- Мен үчүн кыйналбай эле койгулачы, акчаны мен эмне кылып жатыптырмын, тамак-ашка кетип жатат, - деп койду кенебей.

- Сен кызсыңбы өзү? - Айымкан жээнин акшыя карады.

- Эмне болуптур? - Жазгүл кайра өзүнө суроолуу тигилди.

- Сен жерге кир, акылың жок турбайбы, Каныбек менен Жаныбек келгенче эжемди өзүм алып кетем, сен кайда жүрсөң жүрө бер, бузулуп да бүтүпсүң го, ушунуңду билсе Каныбек сени өлтүрүп коет.

- Өлтүрүп эле эмне кыйын бекен, мен шаарга кетип калам.

- Эк кетсең кете берчи, - деп Айымкан анын кеп укпаганына жини келип өз ишине киришип эжесине ысык тамак куюп берди, Жазгүл отуз бештердеги келин, Бурулкан эки уулунан кийин көпкө жүрүп ушу кызын элүү бешинде төрөгөн, азыр токсондо, алсыз гана жаны кыбырап күндүн батып, таңдын атканына кайдыгер болуп калган убагы. Сөөгү бошунанбы, же көп ооруп жүрүп жашында кыйналгангабы, өтө эле алсыз, жүзүндөгү тырыштары кабат-кабат болуп анын санааны көп тартканы билинип турат. Ал көбүнчө ушул кызын ойлойт, тилдеп дагы көрдү алы-күчү бар чагында, акыры алы жетпей калганда тим койгон эле, Айымкан Бурулканды алып кетти, Жазгүл оор жүктөн кутулгандай кубанып кала берди, ага жини келген Айымкан сандыгын кошо алып кетип калды, анткени анда кемпирдин өлүмтүгүнө сактаган кийимдери, адеми буюмдары бар эле, жаш кезинде күйөөсү табышкер болуп зер буюмдарды алып берген, алардын көбүн Жазгүл жок кылып койгон, калган-катканы дагы бар эле. Жазгүл эми Азаматка атака коймок болуп калды, бир күнү ал кат жазып конвертке салды да анын дарбазасынын кычыгына сайып коюп караңгыда эч кимге көрүнбөй кетип калды. Эртең менен сыртка чыгып бараткан Азамат аны көрүп алып ачса кат: "Азамат, эгерде мага келип жолукпасаң милицияга арыз жазамын, мен сенин балаңды көтөрүп жүрөм, мына беш ай болду, үй-бүлөөң менен тынч жашайм десең бир жолугуп кет. Жазгүл", - деген жазууну окуп сөгүнүп алып жини менен анын үйүнө жөнөдү. Анын үйү алардан бир топ алыс болчу, ачуусу менен келип эшигин такылдатты эле эч ким чыкпады, Жазгүл өзү уктап жаткан, жанындагысы туруп кетип калган, апасы кеткенден бери өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип каалагандарын үйүнө чакырып таңга маал чыгарып ийип жыргал жашоо ушул экен деп шапар тээп калган. Азамат эшикти эч ким ачпаган соң акырын эшикти түртсө ачылып кетти, бөлмөлөрүнө баш багып кайсы бөлмөдө жатканын таппай акыры төркү бөлмөдө оронуп жатканын көрүп ачуусу менен үстүндөгү төшөктү сыйрып алды:

- Эн-неңди жалап, сага жакындайын деген ниетим жок, мастыгымдан пайдаланып үйүмдү бузганга аракет кылдың эле, эми ага жол бербейм, тынч жүрөсүңбү же? - деп аны чаап иймек болуп колунан тартып өйдө кылды.

- Ай эмне болду сага, жин тийгенден соосуңбу?

- Ооба, сендей жалаптын жини тийди, көчүгүңдү кысасыңбы же...

- Түшүнөм сени, - Жазгүл оозун чоң ачып эстеп, керилип алды, - Акыры келээриңди дагы билгем.

- Эй, сенин акыл эсиң ордундабы ыя?

- Акылымды жогото сүйүп калсам кантейин.

- Сүйүүңаскейин сенин, экинчи ушинтип үйгө кат таштайт экенсиң өз колум менен өлтүрөм! - деп артына бурулду.

- Кетесиңби, ушунча келип алып ууздай денемди көрбөй кетесиңби Азамат, мен сени акылымдан адаша сүйүп калдым, - деди Жазгүл ага артынан акырын басып, асты ачык ич кийимден баары көрүнүп турган, - Сенин бир күнкү рахатыңды сагындым Азамат.

- Бас жаагыңды! - деп бери бурулуп ачык ич кийимдин ортосунан кооз аппак ич кийими көрүнүп, кандай эркек болсо дагы азгырып турган, саамга карап напсиси бузула түшүп анан Алиманы, балдарын эстеп терс карады, - Сенин жийиркеничтүү денеңден көрө эш-шек жакшы! - деп кетип баратканда:

- Өкүнүп калба, сен үчүн, балаң үчүн эч кимди жолотпой жүрөм, кааласаң экинчи аялың болоюн Азамат, - деди Жазгүл ыйламсырай артисттик кылып.

- Эн-неңди жалап, сен мени балаң бар деп экинчи жабышпай жүр, болбосо эмки келгенде тирүү калбайсың, - деди да чыгып кетти, аны артынан чыккан Алима таппай калган, дарбазасынан чыгып эки жагын карап кайра үйүнө кирип таңкы чайын даярдап кайненесинин бети колун жуудуруп дасторконун жайып жатканда Азамат келип калды, кабагы салыңкы.

- Каякка кетип калдың, чыгып эле жоголдуң да? - деди Алима ага таң калганын жашырбай.

- Баягы эле бизнес да, бирөө торпок сатат экен, ошого барып келдим, - деп Азамат күңк-мыңк этип жооп берди.

- Эмне болду анан, ала турган болдуңбу?

- Кымбат айтат, базарды көрөлү деп келе бердим, - Азамат калп айтып алганы менен өзүн кечире албай турду: "Бир калп айтам, эки айтам анан эмне кылам, бу акмак аял мени тынч жашатпай калды го, канткенде кутулсам экен", - деп ойлонуп жарытылуу да эчтеке иче албады. Алима чиедей балдарынын кийим-кечесин жууп, нанын жасап, түшкүгө тамак жасап жаны тынбайт, кайненеси дагы карып калгандыктан үч маал тамактандырып, кийимин алмаштырып, жуунтуп тазалап, чачын жууп өрүп берип турат.

- Айла-анайын Алима, кызым жок деп арман кылчу элем, кудайдын ушунусуна дагы шүгүр, кыз баладан артык карадың, ылайым балдарыңдан көр, бактылуу байбиче бол кагылайын, - деп алкаганы алкаган.

- Койчу апа, сенин балаңдан бала көрүп сүйүп жатсам, анан сени карабай кантип коем, мен дагы энемин да апа, эненин балага кандай тилектерди тилеп өстүрөт, сен дагы ошондой үмүт-тилек менен бактың апа, - деп Алима кайненесине жылмая карап койду, - Бул менин милдетим.

- Садага болоюн десе, - Эне оор күрсүнүп алды.

- Апа, кандай отурасыз? - деп Жамийла менен Азиза келип калды, - Күүлүү-күчтүү элесизби апа?

- Кудайга шүгүр, Алимам балдарына кошуп баладай багып жатат.

- Апа, ден-соолугуң жакшыбы, оорубай элесизби? - деди Азиза.

- Кудай деп жатам балам.

- Апа кандайсыз? - деп Гүлнара кирип ал дагы кайненесинин жанына отурду, Жамийла Алимага көзүн кысып койду, ал бул ымдаганды дароо түшүндү, абысындары "баштан таңганы" келгени, мындайда аларга сөзсүз куурдак кууруй коюусу керек, ал акырын башын ийкей сүрсүткөнү илип койгон эттен алып туурай баштады.

- Аа-а айланайын жаштык ай, бирдеме ичкиңер келип калган экен ээ, менден тартынбай эле отура бергиле, мен жаш болбоптурмунбу? - деп Перизат күлүп калды, - Тартынбагыла балам.

- Апам ушундай жакшы аял да, ичиңдегини рентгендей эле көрүп турат, - деп Жамийла кайненесин кучактап өөп жасакерлене калды, - Келин паш-шала-ар, уктуңарбы бизге эркиндик берди.

- Ошону үчүн апамды жакшы көрөбүз да, - деди Азиза.

- Калп мактабай апамдын майрамы келе жатат бирдеме дебейсиңерби? - деди Гүлнара абысындарына карай.

- Адегенде өзүң бирдеме дечи анан көрөбүз, - деп Азиза айтканда Гүлнара аларга жылмая карап сыртка чыгып кайра эле кирди:

- Апа, бул сиздин жакындап келе жаткан майрамыңызга арнаган белегим, - деп Гүлнара кайненесине чоң жоолук салды, - Жоолугуңуз күзгө, өзүңүз жүзгө жетиңиз, - деп жасакерленген абысынына карап берки экөө ооздорун түйрүй, беттерин чымчып койду.

- Жүзгө чыкканда эмне айланайындар, өзүңөр бала-чакаңар менен бакыбат жашасаңар эле болду, ылайым өмүрүңөр узун болуп, алган жарыңар менен бактылуу жашагыла, оомийин аллоху аквар! - деп бата кылганда төрт келини катар тура калып жүгүнүштү:

- Айтканыңар келсин апа, сыйыбызды көрүңүз, - дешип ыраазылык билдирип.

- Эми өзүңөр каалагандай отура бергиле айланайындар, эби менен ойноп күлүп, үй-бүлөөңөрдү жакшылап күткүлө.

- Макул апа, - деген Жамийла кайненесин тамашаламак болду, - Ээ апа, сизге дагы мүрөктүн суусунан берип койбойлубу?

- Ээк башың өскүлөр десе, менин аны татпай калганыма канча болду? - Паризат кыткылыктап күлүп калды, - Мен деле ичкемин, эми мага эмне жок балдарым, бир бутум көрдө, бир бутум жерде турганда ичкилик ичпей калайын.

- Апа, эшен-калпалар деле кечкисин бу бөдөнөнүн сүтүнөн ичип коет дейт го?

- Ошолор курусун, тиги чын дүйнөгө барганда алар өздөрү жооп беришет да, ыйманды үйрөтүп, куран китепти кармап отуруп ошентсе анда алардын күнөөсү башынан ашат го? - деп эне чарчагандай кыңкайды, ал мындайда эч ким менен сүйлөшкүсү келбегени билинди, келиндер жүйүртө басып чыгып кетишти, Алима аларга кыпкызыл кылып куурдак кууруп, дасторконун кең жайып чайын алып келди.

- Ай тигиниңди алып чыкпайсыңбы? - деди Жамийла Азизаны ымдай.

- Мына жеңе, сизден белги болсун деп күтүп жатпадымбы.

- Ушундай азаматсың да, кана үй ээси эмессиңби, өзүң куй, - деди Алимага Гүлнара.

- Куяйын жеңе, кантип сиздерге кызмат кылууну унутуп калайын, - Алима абысындарына стаканга куюп жылдырды, - Кана эмесе жеңе сүйлө, эмненин урматына, - Күлө карады.

- Ай, бул бир шылтоо да, - Жамийла бирөө укпасын дегенсип акырын сүйлөдү, - Элдин баары эле ушу силер аябай ынтымактуусуңар дейт, ошондой эле болсун ай, мен дагы сыймыктанып калам, ошол үчүн алып коелу.

- Ошол ынтымак үчүн, - деди Азиза, калгандары унчукпай алып ийишти, абысындар көпкө отурушуп анан үйлөрүнө кетишти, Алима саал кызый түшкөн, аларды узатып коюп кайра кирди.

- Апа, атам каякка кетти эле? - деди улуусу Урмат.

- Бир иш менен жүрөт да балам.

- Мен сизди арак ичти деп айтам, - деди Урмат дулдуя.

- Урмат, мен арак ичкен жокмун, чоң апаңдарга чай бербей койсом болбойт да, - деп уулун тынчтандырууга аракет кылды.

- Анан эмнеге чоң апамдар арак алып келди?

- Эми алар чарчашыптыр, биздикине эс алганы келишти да.

- Үйүнө эс албайбы, биздин үйдө арак ичилбейт деп айтпайсызбы, - деп кабагын ачпай үйгө кирди.

- Мейли, мындан ары айтам.

- Сиз арак ичпеңизчи, мен аракты жаман көрөм.

- Макул балам, экинчи ичпейм, - деп Алима уулун зорго жазып анан кечки тамагына киришти, ошентип бир үйдүн түйшүгүнөн чыга албай жүргөндө дагы бир окуя болуп кетти. Азамат ошол күнү дагы базарга кеткен, жаздын алгачкы айы марттын алгачкы күнү болчу, эл жакында келчү жаз майрамы сегизинчи март майрамына даярданып ар ким өз акыбалына жараша күтүнүп жаткан. Дарбазаны бирөө катуу ургулап жатканда Алима камыр жууруп отурган, балдары уктап жаткан эле, колун жууп, камырын жаап коюп чыкса эч ким жок, эки жакты карап кайра кирип бара жатып жерде жаткан конвертти көрүп ала койду: "Муну ким таштады, азыр почточу иштебейт, ким алып келди, кимден болду экен", - деп ачып окумак болуп кайра үйгө алып кирип терезеге коюп койду да ишине алаксып кетти, эч нерседен шек санаган жок. Түшкө жакын Азамат келди.

- Апам уктап жатабы? - деди кирип эле, ал ар дайым ушинтип сурайт бир жактан келгенде.

- Уктап жатат окшойт, ишиң кандай?

- Жакшы, буйруса жылыш бар, малды алып жалаң бука көбөйтөмүн.

- Ошент, ишиң жүрүп кетсе жакшы болот эле, балдар чоңоюп баратат, эл катары машина алып алсаң...

- Алдын ала айтканда эмне, иш жүзүнө ашырыш керек, - Азамат ички бөлмөгө баш бакты, - Кийимимди которуп алайынчы, малдын кыгы жыттанып калдым.

- Которунуп чыга бер, мен тамакты даярдай берейин, - Алима өз ишине киришти алаксып калды, ички бөлмөгө кирген Азамат кийимдерин алмаштырып кайра чыгып келе жатып терезедеги ак конвертке көзү түштү, алардын үйүндө мындай барак же конверт кайдан болмок эле: "Демек келген го, Алима алып кирсе окудубу, же балдар киргизди бекен, ушунун азабы өттү", - деп ала коюп төш чөнтөгүнө салып сыртка чыгып кетти. Анын чыкканын байкабай катты эстей коюп:

- Азамат, бир кат келиптир, - деп терезеге келип таппай калды, Азамат дагы жок, - Каякка кетти? - деп эшикке чыкса Азамат көрүнбөдү, ойноп жаткан баласынан сурады, - Атаң кайда кетти балам?

- Атам дааратканада, - деди Урмат.

- Ии-ий, - деп коюп кайра кирип кетти, Азамат катты окуп туруп тытты да дааратканага салып ийди: "Азамат, эгерде тынч жашайм десең эмдиги базарга чейин он миң сом алып келип бер, боюмдан алдырам, эгерде келбесең мени коркутуп зордуктады деп милицияга беремин, ошолорго төлөп жата бер", - дептир: "Эн-неңди, ушунун азабы өттү, эми эмнне кылам, элдин баарына жарыя болуп, Алимадан ажырап калбайын, алаары ошол болсо алсын", - деп ойлонуп ажатканадан чыгып колун жууп үйгө кирди.

- Апамды тур де, - деди Алимага.

- Апама алып барып берем.

- Мейли анда, тамак ичип жатабы?

- Ооба, апам тың эле.

- Ошондой эле болсун, - деп отуруп калды, анын жүрөгүн бирдеме өйүп туруп алды.

- Азамат, жанагы эмне деген кат экен? - деди Алима.

- Кайсы? - деп алып кайра сөзүн оңдой калды, - Аа-а, ал жөн эле кагаз, өткөндө акимге кат жазганбыз, ошого жооп келиптир, - деп аялынан көзүн ала качты.

- Ии-ий да, кимден келди экен деп таңгалдым, сени өзү окусун деп коюп койгомун, - Алима жаман оюу жок эле балдарына тамак куюп берип жатты, - Эмнеге жаздыңар эле?

- Базарга жер ылайыктап бергиле деп, - Азамат базарда жүрүп укканын айта салды.

- Жообу кандай анан?

- Чечебиз дептир, - Үңкүйө отуруп тамагына какап кала жаздады, - Чоңдодуку ошо да.

- Тигил базарды эмне кылат экен?

- Аерди бир чөнтөгү калыңы сатып алса керек, - деп ушул азыр аялына жок калпты айтып жатканына жүзү чыдабай башын көтөрбөй отурду. Андан кийин Алима кичүү баласы ыйлап алаксып кетти, ошол бойдон ал сөз унутулду. Азамат кирип чыкса кыжаалат болуп он миң сомдун айласын таба албай жатты, чогулган акчасынан берип койсо мал ала албай кала турган, бербейин десе турмушуна зыяны тиери бышык. Анын сары санаа болуп кабагы ачылбай түнт болуп бара жатканын байкаган Алима.

- Сен башкача болуп бара жатасың да, бир жериң ооруп жүрөбү? - деди.

- Жок, жөн эле көңүлүм жок, - Азамат башын чайкады.

- Эмнеге антесиң, оюңда сары санаа кылган маселең барбы?

- Кайдагыны айтпачы Алима, салмактанып жүрөм да, - деп аялын кучактап өөп эркелете карады, - Ишибиз жүрүп кетсе сен экөөбүз бир эс алып келебиз ээ?

- Жүрө берсинчи, анан көрөбүз да.

- Алтыным, сага жолуктурган кудайыма миң мертебе ыраазымын, - Экөө балдары уктаган соң ата-бабалардан келе жаткан салтты улап төшөк ичиндеги кызыктуу оюнга киришти: "Төшөктү бир желписең бала", - деп айткандай Алима шыбырай күлдү.

- Боюма болуп калабы деп корком.

- Болсо мен турбайынбы, атасы бар төрөй бер.

- Кыйналам да, эки жаштан болгон жүдөө болот экен.

- Мейли, кудайым бар жаным, бага беребиз, эмкиси кыз болсо экен.

- Эмнеге?

- Биз төрт эркекпиз да, кыз бар болсо жакшы болот экен, - деди Азамат "күпүлдөп" жатып, - башкысы өзүбүз ынтымактуу болсок эле болду, ө-өх! - деп жатып калды, - Ыраазысыңбы алтыным?

- Аябай ыраазымын, - Алима күйөөсүнүн төшүнө башын койду, экөө ошентип сүйлөшүп жатып уктап кетишти, Алима өтө эрте турат, кичүүсү ойгонуп алып ыйлаганда чай берет, кайра тосот андан кийин кайненесинин үстүнө кирип анын жанында жаткан балдарынын ачынганын жаап кымтылайт, от жагып чай коет. Дегеле жаны тынбайт, ошо күнү дагы Азмат базарга эрте кеткен, Алима малга чөп салып, астын тазалап анан көмүр көтөрүп кирип келе жаткан, дарбазанын тешигинен бери карай конверттин түшкөнүн көрүп калды: "Дагы келди го, таң атпай ким алып келди экен", - деп көмүр салган челегин коюп койду да дарбазасын ачып караса бир аял узап баратыптыр: "Акимиатта иштеген аял го", - деп ойлонуп катты алды да үйгө алып кирип коюп койду: "Чогулуп жазып жатышса ачканым болбойт деп ойлоду ал, маңыроо баладан бетер арам ой ойлободу, балдарын тургузуп үйүн жыйды, кайненесинин бетине суу куюп берип анан чай ичишти. Ал ошол бойдон катты унутуп калды, Азамат болсо жини келип Жазгүлгө акча бергенге жөнөдү, түш ооп калган, ал келсе бир милиция менен чай ичип, арак ичип отурушкан экен, кайра артына бурула берди:

- Азамат, - деди анын артынан чыккан Жазгүл.

- Эмне? - Ачуулуу карады.

- Алып келдиңби?

- Жок, мен сага жөндөн-жөн эле акча бере беремби, сен өзү кандай акмак аялсың ыя? - Колун көтөрө чаап ийе жаздады.

- Кой-кой эми, ал жөн эле отурат, кызганбачы эми, - деп Жазгүл ага анткор күлө карады, - Сени кантип алмаштырайын?

- Жиндисиңби, ооруп калган немесиң го, сени ит кызгансын! - деп кайра артына бурулду, анын азыр жини жаман кайнап өлтүргөндөн кайтпас эле, - Жүзүң курусун сенин, оорукчан неме го? - деп кетип жатты, ошол бойдон үйүнө барса ал жадатма суроолорду угаары бышык: "Сага эмне болду, бирөө менен уруштуңбу", - деген суроодон качып камокко барды да жүз грамм арак ичти: "Бул соо катын эмес, оорусу бар, жөн аял ушундай кылмак эмес, кайдан дагы иче койдум эле, тигинтип ар ким менен жүрөт да сенин балаң дегенин кара", - деп ойлонуп жатып удаа-удаа үчтү дагы ичип сыртка чыгып бир таанышыкына барды. Кечке аны менен дагы ичип үйүнө мас болуп келди, Алима аны акырын сүйөп кирип жаткырып койду. Эртеси таң ата ойгонуп башы ооруп жатканда Алима:

- Азамат, - деди.

- Эмне?

- Сени кечээ бир милиция издеп келип кетти.

- Эмне дейт?

- Барсын деди, башка сөз айткан жок.

- Участковый бекен?

- Ошондой го?

- Анан барам, - деп өйдө болду, - Башым ооруп жатат.

- Көп ичиптирсиң, эмнеге анча ичтиң?

- Достор жолугуп...

- Эми ичпегин ээ?

- Макул, өзүм дагы ичейин деген ниетим жок, - Азамат аялынын сөздөрүнөн качып сыртка чыгып кетти, саат тогузда эми үйдөн чыкканы жатканда эшиги такылдады.

- Ким? - деп Азамат ача койсо участковый экен.

- Жүрүңүз мени менен, - деди ал дароо эле.

- Эмнеге?

- Бара көрөсүз.

- Болуптур, өзүм дагы барганы жаткан элем, - Азамат аны ээрчий басты, бөлүмчөгө келгенден кийин.

- Сиздин үстүңүздөн арыз түштү, - деди сынай, көзүнүн төбөсү менен карап.

- Кандай арыз? - Азамат таңгала карады.

- Азыр, - деп участковый Темир сыртты карап калды, - Аа-а, мына келди, - дегенде Жазгүл кирип келип Азаматтын маңдайына буттарын учкаштыра отурду, - Сен, эмнеге арыздандың? - деп аны жеп жиберчүдөй карады.

- Сиз уруша турган жер эмес биер, күнөөңөрдү моюнга алып уялгандын ордуна кайра аял кишиге жулунганыңызга жол болсун?

- Жулунганым жок, сурап жатам.

- Сиз мындан алты-жети ай мурун, Казакбаева Жазгүлдү күч колдонуп зордуктагансыз, андан кийин жөн калбай үйүнө барып бычак менен коркутуп жатып жүргөнсүз, - деди кекете караган Темир.

- Баары калп, карандай жалган, - Азамат ордунан тура калды.

- Отуруңуз, колуңуз менен кылган иштин жазасын мойнуңуз менен тартасыз.

- Эч кандай күнөөм жок, бул аял оорулуу.

- Бизге ким кайрылса териштирүүгө акыбыз бар, ошондуктан сиз бул аялдын өтүнүчүн аткарсаңыз иш жабылат, эгерде жалган деп тана берсеңиз тергөөчүгө өткөрөм, соттон чечишип аласыңар, - деди Темир Азаматты карап, эмне дээр экен дегендей.

- Күнөөм болбосо элеби, эмне өтүнүчү бар экен?

- Мен сага айткамын, - деди Жазгүл ага карай кытмырлана күлүп, - Өзүң кылган иш, өз башыңа муш деген ошол!

- Келесоо, оорукчансың сен!

- Адамды мазактаганыңыз үчүн дагы жооп бересиз.

- Кандай эле эл куруткан сойкуну угуп калгансыңар, муну бүт эл билет, мындай аялды айылга жолотпой алыска кубалаш керек! - деп Азамат жинденип кетти.

- Сизге эскертем, адам укугун көз көрүнөө кордогонуңуз үчүн статья бар, жооп берип каласыз, - деп Темир Азаматка ачуулана карады, - Үч күн берем, эгерде үч күндүн ичинде өтүнүчүн аткарбасаңыз ишиңиз сотко өтөт, бара бериңиз, - деди. Азамат ордунан шалдая туруп сыртка чыгып баратканда Жазгүлдүн каткырыгы угулду, кайрылып сыртынан тыңшап калды:

- Куп кана кылдың, сууга түшкөн чычкандай шөлбүрөй түштү, аткарабаса дагы көрөм, - деди Жазгүл.

- Баарын сен үчүн жасайм да, сени менен сүйлөшүп бүтүрбөсө мен аны чындап эле соттотуп жиберем, - деди Темир каткыра, - Колдо "права" турганда кантип кеткенин билбей калат, мындайдын канчасын жоготтук, ыйлап туруп кете берет.

- Шумдук, оюндан от чыгат дечи?

- Көргөнүңдөн көрө элегиң көп.

- Мынча болду, колуңдан келгенин жаса, терсаяктанса жаап сал! - деп Жазгүл айтанда Азамат кирип баргысы келди, бирок кайра тобо кыла үйүнө жөнөдү, ошол күнү ал аялынан тартынып үйүнө барбай жүрө берди, күүгүмдө Жазгүлдүн үйүн акмалап турду, бир кезде караан көрүнүп анын эшигин тыкылдатты эле Жазгүл каалганы ачып ичкери киргизип алып кайра жаап алды: "Сени шашпа, сага бирди көрсөтпөсөмбү", - деп кекенип үйүнө келди.

- Мынча эмнеге кечиктиң, эмнеге чакырыптыр? - Алима аны көрүп эле суроону жаадырды, - Тынч элеби деги?

- Тынч эле, мени эмне кылмак эле? - деп койду Азамат көңүлсүз, - Айылда мал жоголуп жатат, сак болгула, шектүүнү билсеңер кабарлагыла дейт, - Азамат дагы камдап алган жообун бере салды.

- Аа-а, - деп койду Алима. Эки күн өтүп үчүнчү күнү дагы Жазгүлдүн үйүн акмалап турду, бир кезде баягы участковый эки жагын элеңдей кирип кетти. Азамат эки-үч сааттай аңдып отуруп ала келген бычагын оңтойлото колуна алды да эшигинин илгичин билгизбей ачып үйүнө кирди, төркү бөлмөдө жаткан Жазгүл кылдыр эткенде ойгонуп кеттиби же али "оюндары" бүтө элекпи:

- Ким? - деп үн салды, Азамат акырын төркү каалганы ачканда Жазгүл шейшеп ороно калып жарыкты күйгүзүп Азаматты көрүп коркуп кетти, - Сенби, эмнеге келдиң?

- Корктуңбу? - Азамат аны кекете карады, участковый туруп шымын алмак болгондо буту менен басып калды, - Үнүңөрдү чыгарбагыла, - деди да экөөнү тең дырдай жылаңач бурчка тургузуп ала келген кагаз, калемин сунду, - Жан керек болсо менин күнөөм жок экенин жазгыла, экөөңөр тең жазып бүгүнкү түнү саат канча экенин жазып колума бергиле, эгерде буйтасаңар экөөңдү тең өлтүрөм, бей күнөөлөрдү жабат экенсиңер, мен күнөөлүү болуп түшүп берейин, - деп кыжына карады.

- Азамат, бай болгур, мен тамалашап эле... - Жазгүл калтырай карады, - Эмне деп жазам?

- Тигил ойношуңа эмне деп жазсаң ошону төгүнгө чыгарып, эч кандай күнөөсү жок деп жаз.

- Макул-макул, жалаңдатпай бычагыңды алчы.

- Жаз кыйшаңдабай! - деп бакырганда жазып кирди, аны алып Азамат окуп көрүп Темирге берди, - Сен кызматыңдан пайдаланып канча адамдын убалына калганыңды, парадан кандай пайда көргөнүңдү бүт жаз.

- Кой, мени антип кыйнаба, кантип жазам?

- Жазбайт экенсиң эртең айылга шерменде кылам, кийимиңди үйдүн үстүнө ыргытып абийириңди төгөм!

- Кой-кой анте көрбө, мейли жазайын, - деп Темир дагы коркконунан жазып берди, Азамат экөөнүн тең кийимдерин көтөрүп чыгып кетти.

- Азамат, Темирдин кийимин берип кой эми, - Жазгүл жалдырай үн катты, - Жаз дегениңди жазып бердим го?

- Эки-үч күн жата турсун жаныңда, - деп чыгып баратып кийимдерин сөрүнүн үстүнө ыргытып кетип калды, колунда кагаздар, келгенден кийин жакшылап окуп көрүп мыйыгынан күлүп алды: "Мени алдайын дедиңер эле өзүңөргө муш болду, эр болсоңор эми мага асылып көргүлө", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Ошондон кийин өзү көпкө сиркеси суу көтөрбөй жүрдү, Жазгүлдү келип дагы бир балакетти баштайбы дегени эле. Бирок алар дым эле болду, Азаматтын көңүлү тына түшкөн, кашайып өжөрлүк кылып Жазгүл дагы анын тынчын алчу убакыт келди...

Салима үйүнө келип дагы да жаны жай албай туруп алды, аны: "Кантип эле, кандайча Даниярга окшошуп калат, менин балдарым го атасына окшош, Тилектин тиешеси жок болсо кандайча бул чоңойгон сайын өзү болуп баратат, Алиманын балдары өздөрүнө окшош", - деген сары санаа басып алган эле. Бирок ал суроосу жоопсуз калууда, ары ойлонуп, бери ойлонуп баарына кол шилтеп койгусу келип турду, бирок анте албады, акыры келип сиңдисинен күмөнү күчөй баштады, ишин да унутуп таежесине жөнөдү, аны жаркылдай тосуп алды Анаркүл.

- Кел-кел айланайын, кандай жакшы болуп кеттиңби, мурункудан өңүң оңолуп калыптыр, - деп сөз бербей ал-акыбалын сурап кирди.

- Баары жакшы эже, мен сизден бир нерсени аныктап сурайын деп келдим, - Орун ала таежесин сырдуу карады.

- Эмнени тактайсың садага, айта гой.

- Тилекти кайсы күнү таштады эле?

- Ой кокуй күн оо-ой, мен дагы бир орчундуу маселе экен десе, ошону дале иликтеп жүрөсүңбү, күмөнүң ким деги?

- Эч ким, балким ал төрөтканадан төрөлгөндүр, мен Тилекти ким төрөгөнүн сүрүштүрөм.

- Койсоңчу ушул ишти каза бербей, из кубар болсоң болчу экен тим эле, эсимде жок кай күнү экени жазга маал болчу, мен эшиктин алдынан күүгүмдө таап алгам.

- Апрель же март беле?

- Ж-жо-ок, Апрель айы го дейм.

- Кайсы күн экени эсимде жок, азыр эжем кайсы күндү жаздырыптыр күбөлүгүнө? - Жээнин эптеп адаштыргысы келди, - Майга жакын болсо керек эле.

- Апам Тилектин туулган күнү он алтынчы апрель деп жүрөт го?

- Жо-ок ай, анда кеч жаздарып койгон го? - деп Анаркүл шашып кетти, - Божомолдосо керек, - дегени менен: "Иликтесе төрөтканадан таап алат, курган эжем ай, туура туулган күнүн жаздырган тура", - деп ойлонуп алды.

- Мен кеттим таеже, кечирип коюңуз, - Салима ордунан турду.

- Мейли, барсаң бар, өзүң эле билчи, - деп Анаркүл кала берди.

Салима туура экинчи төрөт үйүнө келди, аерден марттан майга чейинки төрөгөндөрдүн тизмесин, карталарын каратып таппады, кимиси экенин дагы билбеди, айласы кетип ар бир төрөткананы кыдырып келип төртүнчү төрөтканага келди, андан дагы март айынан май айына чейинкилерди текшерип келе жатып: "Жапарова Алима, 1974-жыл. 20-май", - дегенди окуганда жүрөгү болк этип, көзү караңгылай түштү.

- Өтүп кеткен картаны алыңызчы, - деди акушеркага, ага издетүү үчүн акча төлөгөн эле.

- Бул жаш кыз болчу, апасы төрөтүп алып кеткен, - Акушерка картаны алып жая карады, - Ооба эркек төрөгөн, үч-төрт күн жаткан соң алып кеткен башкасын билбейм.

- Сизге рахмат, - деген Салима ордунан теңселе туруп эшикти көздөй басты: "Демек апам менден жашырып жаткан экен, кантип ушуга барышты, мени өлүп калат дешкен го, кокус өлүм калсам Даниярга Алиманы алып бермек болгон го, кантип эле менден үмүттөрүн үзүп коюшту, көзүмдү жалдыратып оорунун азабын тартып жатсам ушуну кылышкан экен да", - деп ойлонуп бара жатып босогого жөлөнө калды, ал өзүн жоготуп бараткан эле, төрөтканадан чыга бериште аны бирөө кармай калды:

- Жардам бериңиздер, адам ооруп калды! - деп ал кыйкыра сестралар келгенде колун кое берди.

- Эмне болду, сиздин аялыңызбы?

- Жо-ок, өтүп бара жаткамын, жыгылып баратканда кармап калдым, - деди да тигил киши аны карап койду, - Оорулуу болсо керек?

- Ошондой го? - деп палатага киргизип жаткырып укол сайып жатканда көзүн ачты.

- Мен каяктамын?

- Сиз ооруканадасыз, өзүңүздү жоготуп койдуңуз.

- Мен сопсоомун, укол салбаңыз мага, үйүмө кетем, - деп Салима тура калды, - Мага жардамдын кереги жок! - Туруп кетип жаткан келинди сестралар таңгала карап кала беришти.

- Карындаш, мээрман айымдарга мындай орой мамиле жарабайт, мен аларды жардамга чакыргам, - деди тигил жигит анын артынан кошо чыгып.

- Азыр менин эч нерсени ойлоого акыбалым жок?

- Эмнеге, күйөөңүз капа кылдыбы?

- Андан да жаман.

- Ойнош таап алдыбы?

- Ошого жакын, - деген Салима ылдамдап басып кете берди.

- Тагдырыбыз окшош экен.

- Эмне? - Салима токтоп бурула карады, бой келбети келишкен, өзү курдуу сулуу жигит жай басып келе жаткан эле, негедир ага арбала түштү, - Кандай ча? - деди аны тигиле карап.

- Мен аялымды ошол үчүн кетиргем.

- Ошондой деңизчи? - Салима ойлуу карап алды да жолун улады.

- Кайда иштейсиз?

- Мугалиммин, бирок азыр бошмун.

- Жакшы тарбиячы болсоңуз керек? - Жигит аны сөзгө тартуу үчүн сүйлөдү.

- Кантип билдиңиз? - Жылмая карады.

- Көрүнүп турат, жумшак мүнөздүү аялдар ар дайым мээримдүү болушат, катуу айтууга анын кудурети жетпейт дагы, анткени алардын жүрөгүндө чексиз мээрим толкуп турат.

- Кызык экен, адамды рентгендей көрүп турган касиетиңиз болсо керек, - Аңгыча экөө катарлаша калды.

- Атыңыз ким?

- Салима.

- Менин атым Аязбек.

- Жакшы.

- Эмесе таанышып да алдык, бир жерден чайлашпайлыбы? - Аязбек аны күлүмсүрөй карады, - Кана макулсузбу?

- Убактым жок эле, - Салима кыйыла караганы менен бул сулуу жигитке арбала ичин өрттөп турган ызасы шамал учурган күлгө окшоп кайдадыр сапырылып кеткенсий түштү.

- Салима, - деди Аязбек, тирүүлүктүн кадырын өлүм жакындаганда, ден-соолуктун кадырын катуу ооруганда билген адамбыз да, жашоонун кадырын карыганда сезебиз, тирүүлүктө ошол үчүн ар бир баалуу убакытты бөлүштүрүү керек, ал эми өмүр деген зымырык куш, байкалбай алып барып агынды дөңгөчкө айлантканда өкүнүп калабыз.

- Аныңыз туура, - деди ойлуу Салима.

- Кана кеттикпи? - Аязбек ага күлүмсүрөй кол жаңсады, - Жүрүңүз.

- Бүгүн эмес, дагы бир жолукканда...

- Эми качан жолугаарыбызды ким билет?

- Балким жолугуп калаарбыз.

- Жо-ок Салима, жүрү бир аз отуруп сүйлөшүп кең-кесири таанышалы, - Аязбек унаасынын жанына келип эшигин ачып сыпайы колун жаңсады, Салима баш тарта албады.

- Рахмат, - деди отуруп жатып.

- Эчтеке эмес, кайда баралы?

- Өзүңүз билиңиз.

- Кай жерликсиз Салима?

- Нарындан.

- Мен Чоң Кеминден болом.

- Жакшы экен.

- Күйөөңүз кайда иштейт?

- Таксист.

- Бала барбы?

- Эки балабыз бар, өзүңүз жөнүндө дагы айта отурбайсызбы? - деди Салима ага кызыга карап.

- Менин аялым төрөбөдү, - Аязбек саамга унчукпай жолду карап кете берди.

- Ошону үчүн ажыраштыңызбы?

- Жок, өзүнө-өзү кылды.

- Кандайча?

- Ал узак сөз Салима, анан жай отуруп айтып берейин, - деп Аязбек жол боюна токтотуп өзү түштү да Салима отурган жактын эшигин ача колун сунду, - Мархамат айым.

- Рахмат, - Салима ага жылмая карап экөө катарлаша басып кафеге киришти.

- Отуруңуз, - деп орундукту бери тартты.

- Рахмат.

- Эч нерсе эмес, - Аязбек өзү орун алды да, - Кана эмнеден баштасам экен? - деди жылдыздуу күлүмсүрөп Салимадан көзүн албай.

- Башынан, - деди Салима дагы күлө жооп кылып, ошол кезде официант келип буйрутма алып кетти, экөө бир азга унчукпай калганда алдыларына тамак келди, тамактанып отуруп анан жай сөз баштады Аязбек.

- Аялым менен он эки жыл бирге жашадым, өзү абдан сулуу неме, ошол жылдарда төрөбөдүң деп бир ооз айтпадым, каалаганын кийип, ичип өзү билгендей жашады, өзү жалтыракка абдан жакын эле, андан да куру калтырбадым, эки колунун төрт салаасы толгон алтын, мойнуна ар түрдүү шуру мончок, алтындан алкагы бар, - Ойлуу саамга отуруп тамактанып алып кайра сөзүн улантты, үстүбүздөгү жылы укмуштуудай окуя болду, мен андан аны күткөн эмесмин...

- Кандайча?

- Мен үч күнгө командировкага кеткем, үйгө келсем аялым кийимдерин чечинип алып төшөктө жатыптыр, энеден туума, иним болсо жаңы гана кирип кайра чыгып кетмек болгондо ошол жылаңач бойдон туруп келип инимди кучактаганда ал: "Жеңе уят эмеспи, бул эмнеңиз?", - десе ал: "Акең тукумсуз экен, сенденби же анданбы баары бир балалуу болушубуз керек, суранам сенден", - деп асыла баштайт: "Жинди болбоңузчу, мен агамдын төшөгүн кантип басам, азыр Аида келип калса эмне дейт, кое бериңиз", - деп жулуна аны түртүп ийип сыртка чыгып келе жатканда экөөбүз беттеше түштүк. Иним өзүн күнөөлүү сезип жүгүргөн бойдон үйүнө кетип калды, мен үйгө кирсем аялым кийинип жатыптыр.

- Аяз, сен келип калдыңбы? - деп чоочуп кетти.

- Кийин, каалаган нерсеңди ал да бул үйдөн кет! - дедим мен ага карабай төркү бөлмөгө кирип бара жатып.

- Аяз, сага эмне болду, эмнеге...

- Бас жаагыңды, азыр үйдөн жогол!

- Аязбек! - деп чыңырып жиберди, - Мен экөөбүз үчүн ушуга бардым, мен балалуу болгум келет!

- А мага эми сен төрөгөн баланын кереги жок!

- Эмнеге, сен өзүң балалуу болууга жарабайсың?

- Ким айтты сага? - Ачуум келип ага жакындадым, - Ким далилдей алат ошону? - дегенде калтырай коркуп кетти.

- Өзүм ошондой ойлонуп жүрөм.

- Бас! - деп колунан ошол бойдон жетелеп машинага салдым да айдап жөнөдүм.

- Каякка Аяз? - Үлдүрөй зорго сурады.

- Экөөбүз тең текшерилебиз.

- Мен кийинип алсам болот эле...

- Ушундай барасың, - дедим да унааны катуу айдап клиниканын жанына токтотуп аны жетелеп кирдим, врачка кайрылып экөөбүздүн кимибиздин балалуу болууга жөндөмүбүз жок экенин текшерүүсүн өтүндүм, экөөбүздөн тең анализдерди алды, кайра үйгө келип аны карабай инимдикине келсем ал тура калды.

- Аке, менде эч кандай күнөө жок, сервантты жылдырышып кой дегенинен барсам ар кайсыны айтып... - деп күнөөлүүдөй башын жерге салды, мен анын актыгын билем да, баарын уккам:

- Сен өзүңдү күнөөлөй бербе, сага түшүнөм, - деп сыртка ээрчитип чыктым, - Ал экөөбүз тең анализ тапшырдык.

- Кызык го жеңем, таң калганымдан өзүмдү жоготуп кое жаздадым, - деди иним күңкүлдөй.

- Унут баарын, эми ал төрөй турган болсо да кетирем, ажырашамын, - дедим да инимди жайгара жүзүнө тике карадым, - Сен эч качан менин алдымда күнөөлүү эмессиң.

- Сизге ишенем да аке, бирок аябай жаман акыбалда калдым.

- Болуптур, мен сенден күмөн санабайм, келин бала билбесин, мен кеттим деп үйгө келсем аялым ыйлап отурат, мен ага карабай ашканага кирип өзүм тамак жасап ичип жатып алдым.

- Аяз, мени кечир, - деп жаныма келди ал.

- Жогол, жаныма жолобо!

- Аяз дейм, мени кечирип койчу, - деп көзүнүн жашын көлдөткөнүнө карабадым, акыры белгиленген күнү кайра ээрчитип бардым, врач экөөбүзгө карап:

- Кечиресиздер, мен чындыгын айтуум керек, - деди экөөбүзгө алмак-салмак карай.

- Корккондон жүрөк айрылбайт, сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт дегендей түз эле ачык айта бериңиз, - дедим мен.

- Аялыңыз төрөй албайт, муну ачык айтуум керек, - деди.

- А менчи, балалуу болгонго жөндөмүм барбы?

- Сиз балалуу болосуз, камтама болбоңуз, - дегенде аялым ыйлап чыгып кетти, үйгө келгенден кийин аябай жалдырады, кечирим сурады, мен андан сууй түшкөнгөбү жибий албадым, каалаганын бердим да төркүнүнө жөнөтүп жибердим, ыйлаган бойдон кетти, эки айдан кийин ажыраштык, - деди Аязбек ойлуу тунжурай түшүп, Салима анын көңүлүн жубатуу үчүн:

- Сиздин атыңызды эмнеге Аязбек деп коюшкан? - деди жылмая карап.

- Мен кышында чилдеде төрөлүпмүн, - деди Аязбек күлө, - Атам ошол үчүн аяздуу чилдеде төрөлдү, атын Аязбек коелу дептир.

- Кызык, кышында төрөлсө Аязбек, жайында төрөлсө Жазгүл деп кое беришет.

- Ананчы, жолдо баратканда төрөлгөндөрдү Жолоочу, чилдеди төрөлсө Чилдебек деп коюшат го? - Экөө тең күлүп калды.

- Сизге чоң рахмат, мен кетейин, тамагыңыз үчүн чоң-чоң ыраазылык...

- Койсоңчу Салима, башкысы экөөбүз эски тааныштардай сүйлөшүп, заматта бири-бирибизге көнө түштүк.

- Ооба, өзүм дагы таңгалып турам.

- Турдук, эми сени жеткирип салайын, - Экөө сыртка чыгышты, күн ылдыйлап күзгү күн кыскара баштаганга кеч боло баштаптыр, Аязбек аны кабат үйдүн алдына алып келип түшүрдү.

- Жакшы барыңыз, баары үчүн рахмат.

- Үй телефонуңду бербейсиңби Салима, - деди артынан.

- Аа-а, - Салима буйдала калды, - Мына, бул үй телефонум, - деп саамга токтоло калып номерди жазып колуна карматты.

- Рахмат, кайсы учурда чалсам болот?

- Каалаган кезде.

- Башка бирөө алып калсачы?

- Эч ким албайт, алганда дагы өзүм жообун табам.

- Жарайт, көрүшкөнчө, - деп колун көтөрүп коюп унаасын жылдырып жөнөп кетти. Салима үйүнө кирип ойлонуп отуруп кайрадан жини келди: "Баары менден үмүт үзгөн экен да, өлсөм эч кайгырбай эле ордумду Алимага бастырмак экен да, ушундай дагы ата-эне болобу, эмнеге алар мени тез эле унуткулары келди экен, же менден биротоло түңүлүп калыштыбы ошондо", - деп ар кайсыны ойлонуп жатып эшиктен кирген Даниярды байкабай да калды. Ал кучагына гүл көтөрүп, торт алып алган, кубанычтуу Салима жаткан бөлмөгө кирди.

- Жа-аным, туулган күнүң менен! - деп эңкейип өпкөнү калганда.

- Жого-ол! - деп тура калды.

- Салиш, сага эмне болду? - Данияр таңгала селдээ туруп калды.

- Билбейсиңби эмне кылганыңды, менин өлүмүмдү тилеп, Алиманы өзүңө даярдап, аны төрөтүп кайра атамдарга бактырганың калппы?!

- Эмне? - Данияр ага ого бетер таңгала карады, - Сен деги эмне деп жатканыңды билесиңби?

- Эмне, мени жинди деп турасыңбы? - Салима ызалуу карады, - Тилекти кантип танасың акма-ак! - Жиниккендей бакырды, - Кантип ушуга бардың?

- Түшүнсөм буйрубасын, эмне эле Тилекти мага жабыштырып калдың, - деп Данияр терс бурулду, - Мен бүгүн сенин мүчөлү жашыңды куттуктап бир көңүлүңдү ачайын деп келсе кайдагыны айтып башты оорутасың.

- Көңүлүмдү көтөрбөй эле кой, мен өлсөм кабак-кашым дебей туруп Алимага, менин бир тууганыма үйлөнмөк экенсиң да, бул үчүн сен дагы, апам дагы жооп бересиңер, эми менин эч кимим жок, балдарымды аламын да башым оогон жакка кетем! - деп кийимдерин чогултуп жатканда Асан менен Үсөн келип калды.

- Апа, эмнеге ыйлап жатасың? - Асан атасы менен апасын элээ карап калды.

- Ата, апамды эмнеге урушуп жатасың? - деди сырттан кирген Үсөн Даниярга дулдуя карап.

- Мен урушкан жокмун балам.

- Анан эмнеге апам ыйлап жатат? - деди Асан.

- Жөн эле балам, ыйлаган деле жокмун, - деген Салима көз жашын аарчый отуруп калды.

- Темирлер келебиз дешкен, - Данияр акырын айтты.

- Келбей эле койсун.

- Ошо кантип болсун, алар жылда сенин туулган күнүңө өздөрү эле келчү эмес беле?

- Кереги жок, туулбай койсом болмок.

- Апамдын туулган күнү деп мен апама белек алып келгем да, - деп Асан сумкасын тырмалап ача баштады, эптеп таап өзүнүн тарткан сүрөтүн алып чыкты, - Мына апа, атам экөөңөрдү тарткам, көрсөң апа.

- Садагам менин, менин каралдыларым десе, силер үчүн гана ушул жерде турганымды түшүнсөңөр го? - деп уулун бетинен өөп колундагы сүрөттү ойлуу карап калды, Асан сүрөттү өтө жакшы тартпаса дагы ата-энесин бактылуу жылмайып бири-бирин каратып үстөлдө отуруп чай ичип отурганын сүрөттөптүр, ортолорунда вазага салынган гүл, анын жанында жүрөкчөгө салынган нике шакеги, - Муну өзүң тарттыңбы Асан? - деди анан.

- Ооба, силер бири-бириңди сүйөсүңөр да, ошондуктан атам сенин туулган күнүңө гүл алып келип куттуктап жатат, а бул болсо торт, - деп шакектин жанын көрсөттү, - Жактыбы апа?

- Жакпай анан, абдан сонун тартыпсың.

- Мен апама эмне белек берээримди билесиңерби? - деди Үсөн.

- Кана сенин белегиңди көрөлүчү, - деп Данияр Салиманын сөзгө келип турганына кошоматтана Үсөндү карады.

- Мен апама открытка алып келдим, - Үсөн апасына кооз туулган күнгө арналган открытка эле, "Апа, туулган күнүң менен, атам экөөңөрдүн бактылуу жашап биздин урматыбызды көрүшүңөрдү каалайм", - деп өзү кооздоп жазып коюптур.

- Берекелерим, ырыстарым менин, - Салима солкулдап ыйлап жатты, ал азыр бүт арыз-муңун ый менен чыгарып турду, - Мен өзүмдүн туулган күнүмдү унутуп калыптырмын, садагаларым.

- Ыйлабачы апа.

- Бүгүн ыйлабаңыз, - Экөө эки жагынан кучактап өпкүлөп жатты.

- Ыйлабачы, экинчи ыйлабайм.

- Келгиле үстөлгө, майрамды баштайлы, - деп Данияр үстөл үстүн өзү даярдап жиберип аларды чакырды.

- Мен азыр, - деген Салима жуунганы кирип кетти.

- Апамды сен капа калдыңбы? - деди Асан атасына тикчие карап.

- Жок уулум, мен капа кылганым жок.

- Анан эмнеге ыйлап жатат?

- Кубанганынан ыйлап жатат балам.

- Биз келе электе эле ыйлап жатыптыр го?

- Кой балам, мени суракка ала бербе, кийимиңди алмаштырып кел да тамактангыла, азыр үйгө коноктор келет, - деп Данияр өзү тамак жасаганга киришти, Салима ыйлаган көздөрүн муздак сууга жууп күзгүгө каранып көпкө ойлонду, Аязбектин өзүнө кандай караганын эстеп өзүнчө жылмайып алды: "Азыр деле жигиттер карай турган кезим, мен Даниярдан өч алам", - деп ойлонуп ашканадагы чай иче турган үстөлгө келип отурду.

- Бүгүн мени үчөөлөп сыйлайт экенсиңер да, - Эки уулуна жылмая мээримдүү карады.

- Албетте ханым, сиздин бүгүнкү күнүңүз үчүн кызмат кылабыз, - деп Данияр айтканда балдарынын көзүнчө эч нерсе дебеди: "Балдарым чоңоюп калыптыр, булардын көзүнчө ашыкча сүйлөгөнүм болбойт, баарын түшүнүп калышыптыр", - деп ичтен сыза күйөөсүнө жооп кайтарбады.

- Ата, конок келет дедиң го, алар кимдер? - деди Асан.

- Темирлер келет уулум.

- Ошол элеби?

- Жо-ок, Алмаз аяш атаңдар дагы келет.

- Аларды куру эле чакырып койгонуң эмнең, эт-аш жок эле үйдө, - деп Салима ага карабай тултуң этти, - Өзүңдү-өзүң билгениң эмнең?

- Салиш, мен чакырган... - Ошол кезде эшиктин коңгуроосу чырылдап калып Данияр жетип барып аларды тосуп алды.

- Кандай, майрамдык маанай кандай? - деп Темир бакылдап кирип келе жатты.

- Кандайсыңар?

- Оо азаматтар, чоңоюп калышкан го? - деп Алмаз Асан менен Үсөндү өөп учурашып киришти, Салима алардын келгенин билгенде сыр билгизбей тосуп алды:

- Келгиле-келгиле.

- Туулган күнүң менен аяш.

- Рахмат.

- Төрөлүп алып эле үйдөн чыкпай отурасыңбы? - деп Айнаш аны менен өбүшө учурашты, алып келгендерин берип орун алгандан кийин Данияр сыртка чыгып кетип эт-аш алып келди, Салима дасторкон үстүнө жер жемиштерди, таттууларды коюп арыдан бери чай кое койду. Койкойгон арак-шараптар толду, бакылдашып Салимага жакшы каалоо-тилектерди каалап, жакшы ыроолорду айтып отурушту. Данияр шыпылдай вокалдарга соктон, рюмкаларга шараптан куюп сунду.

- Келгиле эми коноктор, бириңер сүйлөп койгула.

- Эмесе, - деп баарын кыдырата карап Алмаз сөз баштады, - Салима, сенин ушул мүчөлү жылың кут болсун, ушундай жаштын дагы эки-үчүн жашап балдарың, Дакем болуп бактылу өмүр сүргүлө, кааларым жалаң гана жакшылык.

- Айтканыңар келсин, - Салима ызаат кыла жылмайды, ал ушул тушта: "Тобо-о, ачуум менен эмне болот элем, жана болсо тигинтип Аязбек алаксытып калды, эми булар келип отурат, Даниярды кубалап чыгайын дедим эле, балдардан өтө албадым, эртең сөзсүз чындыгын айттырам", - деп күйөөсүн көз кыры менен караса ал күйпөлөктөп ашканага бир, конокторго бир жүгүрүп жаткан эле: "Байкуш, - деп алды, - Кетирген күнөөң ушуну менен жуулат деп турасыңбы, бир тууган сиңдимди мага күндөш кылмак экенсиң да, ошону сага көрсөтөм", - деп кекенип алды.

- Аяш, ылайым эле Дакем менен кармашкан колуң жазылбай бүкүрөйгөн кемпир-чал болуп жетелешип жүрө бергиле, - деди Темир.

- Рахмат, - Салима мостое айтты муну.

- Салима, сен ушул азыр кубангандай түрүң жок, сага эмне болгон? - деди Айнаш.

- Жөн эле бир аз башым ооруп турат.

- Иттин башы оорусун, ооруганга шарт жок дебейсиңби аяш, - деп Темир күлүп калды, - Ансыз деле оорунун азабын тарттың.

- Ошого боло коймокпу? - Ойлуу үн катты Салима.

- Кой аяш, оорунун бетин ары кылсын, милиция менен ооруканадан сактасын дешет го? - Алмаз сөзгө аралашты.

- Өзүңдү оорудум деп эсептебе Салима, ошондо гана сен соо-саламат жүрөсүң, өзүңдү аңдый берсең өзүңдү ооругандай сезе бересиң да, - деп Алмаздын аялы Айжан айтты эле ага күлүп калды.

- Ооруп жатса оорудум дейт экенбиз да.

- Кудай ден-соолук эле берсин.

- Ооба, эч качан оорубайлы, - деди Темир, аңгыча тамак бышып алдыга келди.

Данияр Салиманы тургузбай өзү жүгүрүп жүрөт, эптеп эле аны урушпаса экен деген ниети эле. Алар көпкө отуруп анан кетишти, Салима күйөөсүнө карабай балдарынын жанына жатып алды. Данияр ага даай албай диванга жатып калды, унчуккан жок, эгер дагы бирдеме десе балдардын көзүнчө бирдеме деп ийеби деп тартынды окшойт. Эртең менен эрте туруп чай коюп, тамак ысытып үстөл үстүн даярдап жатып: "Эмне деген жашоо болду, бир жолку каталагым үчүн канчага чейин жазаланам деги, чындыгын билсе өлтүрүп же өлүп тынбаса болду, бир-эки жолу жолоп койгонго анысы дагы тууп ийгенин кара, анан калса өзүмө окшошуп калганычы, кандай болуп кетет, эже-сиңдини бири-бирине душман кылып жүзүм карайды, кайсы шайтан азгырганын байкабай калбадымбы", - деп ойлонуп отурганда Салима туруп душка кирди, жуунуп чыккандан кийин жасанып-түзөнүп жатканда:

- Салиш, бир жакка барасыңбы? - деди сөз жалгаштырууга аракет кылып.

- Сен мага сүйлөбө Данияр, ызадан азыр өлгөнү турам, - деди акырая карап, - Сенде өзү бет барбы, жүзүңдүн карайганын али биле элексиңби?

- Салиш, эмнеге минтип жатасың, Алиманын кандай тиешеси, Тилектин мага кандай катышы бар, мага түшүндүрүп айтчы деги?

- Жаныңды жебей эле кой, мен баарын билем, менин рак менен ооруганымды билип бул өлсө муну алып алам дедиңби ыя, ошого ал дагы макул болдубу, менин ушуга башым жетпей жатат, - деп жашка мууна ызалуу булкулдады, - Экөөңдүн тең жүзүң курусун, көргүм дагы келбейт силерди, мындан ары мага сүйлөбө, балдардын көңүлү үчүн бирге жашайбыз, бирок сен экөөбүз мындан ары эки бөлөк адамбыз, ушуну эсиңе сакта! - деп балдарын ойготкону кирип аларды тургузду, үчөө келип тамактанышып анан Салима бир жакка кетип калмак болуп жатканда Данияр унчукпай чыгып кетти, Салима эмне кылаарын билбей терең дем ала отуруп калганда телефон чыр этип калды.

- Алло, угуп жатам, аа-а сизби, жакшы жакшы, өзүңүз кандайсыз, ооба-ооба баары жакшы, качан каерден, ма-акул, - деп трубканы коюп көңүлү ачыла түштү: "Мени жактырып калса керек, бирок мен эки балам менен кантип эримдин көзүнө чөп салам, абийирим ошого жол берээр бекен", - деп өздөрүнчө сабак даярдап жаткан уулдарын карап ичи ысып кетти.

Асан токтоорок. Үсөн чебелектеп жеңил, болоор-болбоско талашып тартышып кетет, өтө чычалак, заматта кызаңдап урушчаак корозчо үрпөйүп кетмейи бар, бирок тез жазылат, ак көңүлдүгү да бар.

- Апа, биз сабакка кеттик, - деди Асан ойлонуп отурган апасынын оюн буза, - Бара берелиби?

- Саатты карагыла уулум.

- Жолдон жеткенче кечигип калат экенбиз.

- Анда жөнөй бергиле, - деп эки уулун күлмүңдөй карап туруп калды, алар өздөрү кийинип алып коендой окшош болуп апасын өөп үйдөн чыгышты. Салима уулдары кеткенден кийин бүткөн боюн каранып алды да Аязбектин айткан жерине жөнөдү: "Эмнеге чакырды, кечээ эле таанышсак, мен күйөөмдүн бар экенин жашырбадым, анан эмнеге чакырат, балким көңүл ачканга чакыргандыр, же көңүлдөш бол десечи, андайга бара албайм, ушунча жылдан бери Даниярдын төшөгүн тебелетпей ак жашайын деп келе жатам го, ал мага эмне кылды, өз бир тууганымдын абийирин төктү, жүрөгүмдү сыздатты, эми мага баары бир", - деп марштруткага түшүп мерчемдүү жерге келгенде түшүп калып бак аралай басты, ошол убакта Аязбек гүл көтөрүп алып күлүмсүрөй өзүн көздөй келе жаткан эле. Кысына түштү.

- Салам, - деп Аязбек аны келип жаагынан өөп койду, - Кандай акыбал? - Гүлүн сунду.

- Жакшы, өзүңүзчү? - Кызарып кетти.

- Эң сонун, жүрү бир аз отуралы.

- Аязбек, - деди Салима кылчактай, - Мен күйөөсү бар аялмын, сиз менен минтип жолугушууга келгеним болбойт го?

- Салима, күйөөсү бар аял адам менен кездешпесин деп ким айтыптыр? - Күлө карады.

- Деги да, бирөө жарым көрүп калса дароо жетет да.

- Эчтеке эмес, кел отурчу жаныма.

- Аз гана, мен тезирээк кетүүм керек, - деп ыңгайсыздана анын жанына коомайлана отурду.

- Да-а, - Аязбек аны бир саамга карап туруп анан терең дем алып алды, - Да-а, мен өзүм дагы түшүнбөй калдым, кечээ гана жолугуп таанышсам дагы сени көргүм келди Салима, кандай күч экенин өзүм дагы билбейм, үйүңө барайын деп күйөөңдөн тартынып ушул жерге чакырдым, - Аязбек Салиманын колдорун кармай калды, - Экөөбүз неге мурун жолукпадык экен? - Көздөрү жалжылдай келинди теше тиктеп көпкө турду.

- Жашоо оюнчук эмес Аязбек, мен үй-бүлөөлүү аялмын, сенин бул кылыгын болбойт, - Салима колун акырын тартып алды, болбосо денесин ток тарткандай дирилдеп жигиттин жылуу мээримине магдырап баарына кол шилтеп койгусу келип кеткен эле.

- Салима, жок дебей жолугушууга келип турчу.

- Эмнеге, үмүттү жандыруунун кандай кереги бар?

- Үмүтсүз шайтан, - деп дагы терең дем алып алды да ага ыктай күлүмсүрөдү, - Өзүң жөнүндө бир аз кеп салчы Салима, кечээ көңүлүң бир нерсеге ооруп тургандай болду эле.

- Жашоонун азабы да, азили да болот экен, көтөрө алсак гана баарын көтөрөт экенбиз, мен чынында күйөөмө нааразы болуп жүрөм, - Салима улутуна колдорун ушалап отуруп калды, - Менин күмөндөнгөнүмдүн сыры ачылбай жатат, менимче эч качан ачылбаса керек, - деп үшкүрүп ийди, ошол кезде көздөрүнө дагы мөлтүлдөгөн жаш тордоло калды.

- Демек күйөөңдөн көңүлүң калып баратат.

- Ошондой, көргүм келбейт, эки балам үчүн гана бир үйдө туруп жатам, чоңойгон балдардын көзүнчө урушууга да болбойт...

- Балдар канчада?

- Он төрткө карашты.

- Эгизби?

- Ооба, балдарым эгиз.

- Болсун, балдардын көзүнчө өтө кыйын, азыр алардын баарына түшүнүп калган убагы тура.

- Биздин кабак-кашыбызды карап турушат.

- Ошондой де, - Аязбек аны ойлуу карап көпкө отурду, - Салима.

- Иийи.

- Чай ичели бир жерден.

- Жок-жок, менин кетүүм керек, сиз капа болбоңуз.

- Койчу Салима, сиз дебей сен дечи, жашыбыз деле бирдей болсо керек, канчадасың?

- Үч мүчөл, - Салима күлүп койду.

- Ой анда тең эле экенбиз да, эки күндөн кийин менин туулган күнүм, бирге отурабызбы? - Аязбек бажырая карады.

- Менден үч күнгө кичүү экенсиң да.

- Эмнеге, сенин туулган күнүң качан?

- Кечээ болуп өттү.

- Анда кеттик, бүгүн сенин туулган күнүң үчүн бир жакшы отуралы, - Аязбек Салиманы колдон ала жетелеп жөнөдү, колунан бекем кармап алып кетип жатканда Салиманын күлкүсү келип:

- Кое бер Аязбек, көргөн кишилер эмне дейт?

- Эчтеке дебейт, шаар чоң, сен экөөбүздү ким таанымак эле? - деп унаалар токтоочу жайдагы машинасына келип астына Салиманы отургузду да өзү айдап жөнөдү, - Салима, өзүң айтчы, кайсы ресторанга баралы?

- Билбейм, - Салима аны ойлуу карап күлүп койду, - Он беш жылдан бери шаардамын, бирок ресторанга барбаптырмын.

- Күйөөң сени урматтабаса керек? - Сынай карады.

- Чынын айтсам беш жыл бою өзүм катуу оорудум, андан кийин күйөөм авариядан кыймылдабай калып аны үч-төрт жыл бактым, биз ойноп күлө тургандай деле убакыт болбоптур.

- Эмнең ооручу эле?

- Жоон ичеги менен көк боорумдан рак дешкен, бирок андай эмес экен дарыланып сакайып кеттим.

- Мага жолуксун десе керек? - Аязбек жылмайып койду, - Мен сага жолукканыма абдан кубанып турам, - деп кымыңдап калганда Салима кабак бүркөй.

- Андан эмне пайда, болбогон жолугушуу... келечеги жок кубануу... Ушунун баары курулай...

- Ал эми мен келечеги жок деп ойлобойм, - деди Аязбек сырдуу бурула карап, - Келечегимди көрүп тургандаймын, - Ал чынында жактырып калган, Салиманын өзүнө кайдыгер эмесин байкагандыктан ишеничтүү айтты, - Сен менин эзелтен берки таанышымдай сезилесиң.

- Чынбы? - Күлө карады.

- Чын, балким мурдагы жашообузда тааныш болсок керек.

- Ошондойго ишенбейм.

- Ал эми мен ишенем.

- Анын эмнесине ишенет адам, кантип эле адам өткөнүн унутуп калсын?

- Сен туура эмес түшүнүп калдың, мурда жашап өткөн адам кайра жаралганда кээси өткөнүн элес-булас эстеп, же түшүндө көрүп кыйнала берет имиш, же мурунку жашоосундагыны толук эстейт дешет, бирок андайлар чанда гана болот экен, - деп Аязбек ийин куушуруп койду, - Канчасы чын, канчасы калп экенин ким билсин.

- Түк ишенбейм, - деди Салима, алар "Парус" ресторанынын жанына келип токтошту, анан Аязбек Салимага бурулду.

- Келдик, өзү түшүп Салима отурган эшигин ачып, - Кана эмесе айым, сизге мүмкүнбү? - деп колун сунду, ал колун берди эле жеңил гана жерге түшүрүп колтуктай ичке киришти, төр жагындагы бош орунга келип орун алаары менен официантка келип буйрутма алып кетти, Аязбек вино буйруганда Салима:

- Ичкиликтин кереги жок, - деди.

- Ошо кантип болсун, сен менин коногумсуң, башка күн болсо бир жөн, бүгүнкүдөй жакшы күнү шайтандын башын сындырбаса болмок беле, сен экөөбүздүн экинчи күнүбүз, а сенин мүчөлүү жылың болсо, эки күндөн кийин менин мүчөлүү жылым болуп жатса кош майрамды салтанаттуу өткөрбөсөк болобу? - Жылмая күлгөндө анын жүзү өзүнчө эле бир көркөм сүрөт сыяктуу Салиманын жүрөгүн тыз эттирди: "Мынчалык сулуулуктун эркектерге не кереги бар эле, бул кебетеси менен далай кыз-келиндин башын тегеретип канчасынын көз жашын төккөндүр", - деп ойлоп алды Салима.

- Анчалык убаракерчиликтин эмне кереги бар эле?

- Салима, сен кабак бүркөбөй күлүп турсаң аябай жарашат экен, мындай күндөр боло бермек беле, сен мага жактың, - Аязбек анын үстөл үстүндө салааларын бириктирип алган колун кармады, - Жан дүйнөмө байкатпай жарк этип кирип келдиң, азыр арман кылып ичтен сызып отурганымды сезбейсиң, күйөөңдүн бар экени жүрөгүмдү эзип түнү бою уктай албай ойлонуп чыктым, бири кем дүйнөдө экөөбүздү мурдараак жолуктуруп койгондо эмне? - деп Аязбек терең дем ала унчукпай калды.

- Болбогонго өкүнгөндө эмне, биздин турмуш жолдорубуз эки башка экенин айдан ачык, мени эмне дейт экен дегенсип мазак кылгың келеби?

- Салима, сени мазактаганга окшошуп турамбы, - Аязбек эңиле калып Салиманын көзүнө тике карады, - Чын жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет дечү эле го, сен мени түшүнбөдүңбү Салима.

- Жомоктун кереги эмне, - Улутуна көзүн ылдый кылды, - Мен азыр эч нерсени көтөрө албай турам Аязбек, ашык кетсем кечир, - деди да ордунан туруп кетмек болгондо Аязбек аны кармап калды.

- Салима, отура турчу эми, эми эле келдик го?

- Мен ооруп турат окшойм, кете берейинчи.

- Андай болбойт, мен сени бул жерге сыйлаганы алып келбедимби, адамдын шагын сындыруу сен үчүн оңой нерсеби Салима? - дегенде Салима отуруп калды, Аязбектин көзүнө карай албай жер карады, ал ошол кезде караса эле анын сулуулугуна, күлүмсүрөп турган көздөрүнө арбалганы турат, Аязбек болсо аны арбап сулуу сөздөрүн арнап сүйлөп отурат, ошол кезде ресторандын музыканттарынын:

- Бүгүн ушул жерде отурган коногубуз Салима эжени мүчөлүк жашы менен куттуктайбыз, сизге узун өмүр, чың ден-соолук, ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалап Аязбек акенин атынан "Сүйүүнүн керемети", - деген ырды арнайбыз, бар болуңуз Салима эже! - деп залды жаңырта айтып, артынан ыр жаңырды.

- Мунун эмне кереги бар эле Аязбек? - Салима анын көздөрүнө тике карап жүрөгү тыз этип колдорун тартып алды, - Мунуң эмне...

- Бул менин сага деген таза тилегим, жүрөктөн чыккан ак сөзүм Салима, туура түшүнүп кабыл алышыңды суранам, - Колун кайра кармап өөп койду, - Ылайым сулуу көздөрүңдөн муң сезилбей жаркылдап күлүп жүрүшүңдү каалайм, өмүрүң узун болсун, - деди да кызыл шараптан куюп колуна карматты, - Кара сенин ден-соолугуң үчүн! - Жылмайганда келин андан көзүн ала качып рюмканы карады:

- Рахмат Аязбек, - Ойлуу рюмкадагы шарапты алып ийди, - Сен экөөбүздүн, айрыкча менин ушул турушум кудайга жакпас иш экенин сезип эле турабыз го, мен балдарымды аттап сенин жаныңда отурам...

- Капаланбачы Салима, мен сени балдарыңдан бөлөйүн деген оюм жок, жок дегенде жүрөк каалоосун аткардым, өзүң бил калганын, - Аязбек аны суз карады, - Амандыгыңды көрүп турсам дагы канимет...

- Аязбек, мени кечир, өзүм ооруп зорго айыктым, ичкиликке жолобо деген эле, айла жок көңүлүң үчүн алып койдум.

- Адамдын көңүлү гүл деген, сага жан дилим менен ыраазымын, кечээ эле жолуккан алсыз аялга жан тартып, жакшы сөзүңдү, тилегиңди арнап турганыңа.

- Сага рахмат, көңүлүмдү улап каршы болбой аз да болсо жанымда отурганыңа, ылайым бактылуу бол.

- Рахмат, - деген Салима: "Кайдагы бакыт, үйгө барсам эле Даниярды жек көрүп урушкум келип туруп алды, апама баарын айтып көксөөмдү суутпасам кантип эс алам, балдарым турса кантип аны таштап басып кетем, деги кандай болот менин жашоом, алды жагым тунгуюк", - деп мелтиреп ойлуу отуруп калганда:

- Салима, неге ойго чөгүп кеттиң, жүрөк өйүгөн сырың болсо керек?

- Жок-жок, - Салима шашып кетти, Аязбек кайра дагы винодон куюп сунду:

- Ачууну ачуу басат, азыр сенин жүрөгүңдү жай алдырбаган бир сыр турат, кел алып ийели, - деди Аязбек.

- Мен албай эле коеюнчу, башым айланып калды.

- Ушуну алып кой эми, башка куйбайм, - деп болбой алдырды, Салима жүзү албыра Аязбекке кылгыра карады, баятан берки тартынып отурганы жоголуп күлүп туруп:

- Сүйлөңүз эми, - деди, - Сүйлөп эле жатасыз...

- Салима, мен сага жагамбы?

- Жагасыз, бирок менин...

- Эчтеке эмес, үй-бүлөөм бар дегиң келип турат го?

- Ооба, балдарымды кантип башкага алмаштырам?

- Балдардын орду башка Салима, аларды алмаштырганга болбойт.

- Туура-а, сен муну туура айттың, - деп Салима сөөмөйүн чычайта ага тигилди, - Менин алмашкыс бакытым дал ошондо болуп жатпайбы?

- Салима, тамагыңды ич кетели.

- Жок, менин ичким келбей калды, - деди да алакан жайды, - Оомийин! Жолуңуз болсун, сага рахмат.

- Оомийин, - Аязбек кошо бата кылып экөө ресторандан кечке маал чыгышты, унаасына отургузуп жолго түшүштү, анын үйүнүн алдына келгенден кийин Салима аны бетинен өөп алды:

- Жакшы бар ээ? - Күлө карады.

- Жакшы кал, кайрадан көрүшкөнчө, - Салима түшүп подъезге кирип бара жатып артына бурулуп жылмая колун көтөрдү.

- Жакшы бар! - дегенде Аязбек колун көтөрүп башын ийкеди да жөнөдү, Салима үйүнө кирип көпкө күзгүдөн өзүн карап турду: "Мен эмне болуп бара жатам, Даниярды алмаштырамбы, анын мага деген сүйүүсү таза болсо эч качан мени алмашмак эмес, болгондо да өз бир тууганыма, демек мени өлөт деген, ошондо дагы кантип ушуга барды", - деп диванга келди да жатып уктап калды. Асан менен Үсөн келип бутунун учу менен басып ашканага кирип чай ичип кайра сабактарын даярдап отурганда Данияр келди.

- Апаң кайда?

- Уктап жатат.

- Азыр келдиби? - деп уктап жаткан Салиманын жанына барып анын чачтары туш келди жазылып кийимин дагы алмаштырбай жатып алганын көрүп: "Бул ичип келген го, өзү ичип жүрөбү же бирөө менен ичтиби", - деп кыжаалат боло туруп ашканага кирип тамак жасаганга киришти: "Менин кылган жаңылыштыгымдын эсеси ушул болду, бул эми ичип кетсе канттим, кайненем ал баланы эмнеге бакты, жоготуп койгондо иги-жиги билинбей калат беле, эми канткенде катамды оңдойм", - деп ойлонуп жатып тамак жасап бүтүп эми чакырмак болгондо чачтары саксайып Салима туруп келип ага карабастан суу ичти да кайра чыгып бара жатканда:

- Салиш, балдарды чакыра кел, тамак даяр, - деди.

- Мен ичпейм, - деп койду.

- Эмнеге, кардың ачпадыбы?

- Ооба, - Салима көзүнөн жаалы чыга бери бурулду, - Мени менен ишиң болбосун, өз каалаганымдай жүрөм, ойноп күлөм уктуңбу?

- Мейли кудай жалгагыр, балдардын көзүнчө ашыкча сүйлөшпөйлүчү.

- Аа-а, ошол ишти өз колуң менен жасап жатканда ушуну ойлондуң беле, же бул өлгөн соң иги-жиги билинбей калат деп ойлодуңбу, сенин эркиң менен болду беле Алима?! - деп жанына келди, - Чындыкты өзүң айтмайынча мен ичем, уктуңбу иче берем! - деп диванга кирип жатып алды. Данияр үн дебей отуруп калды: "Жашообуз бузулмак болду, кандай кылсам экен, чындыкты айтсамбы, менин башымды кесип алса дагы чынын айтып берсем окшойт, андан кийинкисин өзү чечсин", - деген ойго келди, бирок анын ойлорун балдары келип үстөлгө жарыша отуруп атасынын куюп берген тамагын ичип бузуп ийди.

- Апаң силер келгенден кийин келдиби? - деди Данияр.

- Жок, биз келгенде уктап жаткан, - деди Асан.

- Ойготпойлу деп биз өзүбүз чай ичип алдык.

- Азаматтар, туура кылгансыңар, - деп ойлуу тамак ичип отуруп да ойлоно берди, Салимага укчукпады, бирдеме десе көкүтүп алганы турат, акыры ойлоно берип кат жазды: "Салима, мени кечир, мен сени өлөт деген эмесмин, оюма дагы келген эмес, болгону күнөө кетти, Алимада күнөө жок, мен күнөөлүүмүн баарына, ага уктатуучу дары берип өзүм... Кечирсең койсоң өзүң бил, болгону ушул. Апама айтып үйдөн кетип калган, ошондо апам мени үйдөн кууп чыгып бара албай ичип кеткемин, өзүмдү-өзүм жазаладым. Акыры балдарымдын көңүлүн кыя албай апам кийин унчукпай калды. Ал сени аяды, билип калсаң сен кайра ооруп калышың мүмкүн эле, сенин амандыгыңды тиледик, бетим чыдабай турса дагы сени билип калбасын деп алар менен жүздөшүүгө туура келди. Ошол Салима, мындан ары мен үйгө келбейм, сенин алдыңда кечирилгис күнөөм бар, эми сен кечирмек турсун көргүң келбесин билем, Данияр", - деди да жазып таштап коюп таң ата кетип калды. Салима эртең менен эрте туруп жуунуп кечээ ичкен виного башы ооруп калгандыктан суу ичип башка тамак жүрөгүнө баспай отуруп балдарын тургузмак болуп ичкери кирип телевизордун жанында турган катты окуду. Катты окуп алып ыйлап турду:

- Акмак, жүзү кара, мен аны балдарымдын атасы деп аяп жүрсө кылган кылыгын кара! - ыйлап отурганда Асан туруп келди:

- Апа, эмнеге ыйлап жатасың? - Мойнунан кучактап өөп койду, - Ыйлабачы апа, атам ишке кетти беле?

- Ооба, ишине кетти.

- Атам уруштубу?

- Жо-ок уулум, жуунуп чайыңды ич.

- Макул, - Асан ажатканага кирип кетти, Салима ойлуу көпкө отурду да балдарына тамагын берип кайра жатып алып ойлонуп отурду, андан кийин балдары сабакка кетишти. Түш оой Аязбек чалды:

- Мен эч жакка чыга албайм Аязбек, мындан ары тынчымды алба, - деп трубканы коюп койду эле кайра-кайра чала берди, көпкө ойлонуп туруп, - Эмне дегиң келет, мени азгыргың келеби Аязбек, мени тынч койчу кудай жалгагыр, мени үй-бүлөөм менен тынч койчу суранам! - Салима ыйлап сүйлөп жатты, трубканы койгону билинди. Дел боло отуруп калды, канчага чейин отурганы белгисиз эшик кайра-кайра такылдаганда гана нес болгондой ордунан туруп эшикке келди.

- Бул ким?

- Салима, бул менмин! - деген Аязбектин, үнү угулду эле ачып жиберди:

- Сен... эмнеге келдиң? - деди да ага бой урду, - Эмнеге келдиң, мен сени келбе дебедим беле? - деп солкулдап ыйлай берди.

- Сакиш ыйлабачы, сенин жан-дүйнөңдү ооруткан бир сыр турат, өзүңө келип, ички бугуңду чыгара ошол сырды төгүп-төгүп алсаң эс ала түшөсүң, - деп Аязбек аны бооруна кысып маңдайынан өөп ичкери киргизип отургузду, - Сен ыйлай бербе, кыйнаган суроо сени жок кылышы мүмкүн.

- Мен аны сага айта албайм Аязбек.

- Макул, мага айтпа, өзүңдү карачы.

- Жанымды жай алдырбаган азаптан кантип кутулаарымды билбейм, канткенде тынч алаарымды дагы билбейм, - Салима анын кучагынан чыкты, - Кечээги ичкен виного башым ооруп эч нерсе иче албай жатам, - деп жылмайган болду, бирок ичиндеги чындык ага тынчтык бербей турган, - Мен чай коеюн, - деп ашканага киргенде Аязбек жерге түшүп калган баракты алып окуду да: "Акмак тура, ошого кантип барды экен", - деп кагазды ары алып коюп Салиманын артынан кирди.

- Чайды тим кой, мындай чыгып келелиби?

- Жок, эчтекеге көңүлүм жок.

- Кой Сакиш, сен минте берсең өзүңдү жоготуп бүтөсүң, балдарың келгенче кайра жеткирип коем.

- Аязбек, андан көрө сен мени атамдардыкына алып барып келчи, - Салима аны суроолуу карады, - Алып барып келесиңби?

- Ооба, азыр барасыңбы?

- Жок, эртең эрте чыгуубуз керек, балдарга эртең дем алыш эмеспи.

- Жарайт, азыр болсо кеттик, - деп жылмая карап күлө суранганда Салима ага жок дей албады.

- Макул, - деп ичке кирип кийинип чыкты, - Кеттик, экөө ээрчише чыгып унаага отурганда аларды алыстан карап турган Данияр көрдү: "Бүттү, ал эми мени карабайт, мен үй-бүлөөмдөн айрылдым, дароо эле бирөөнү таап алган тура", - деп рулга башын уруп жатып алардын кайда кеткенин көрбөй калды: "Иттики", - деп рулун бир чаап унаасын айдап жөнөдү: "Кайда барганын көрөт элем, ким анысы, мурдатан болсо керек, шашпа экөөңөрдү тең өлтүрүп тынбасамбы", - деп кекенип алды да кайра: "Мен эмне болуп жатам, күнөө өзүмдө болуп турат го, эгерде менден кетпегенде Салима ушуга бармак беле", - деп эмне кылаарын билбей кетип жатты. Ал ачуусу менен катуу айдап бара жатканда аны гаи токтотуп унаасын токтотуп койду, ошол бойдон ал Темирге барып унаасын чыгартып, андан акча сурады:

- Эмне кыласың акчаны? - деди Темир.

- Досум, мен Россияга кетпесем болбойт.

- Ийи, Салима менен кеңештиң беле?

- Жок, ал билбей эле койсун, биздин жашоо болбой калды, - Данияр башын кашылады, - Бул жерден кетпесем болбойт.

- Силерге эмне болду өзү, жакшынакай эле жашап жатпадыңар беле, кандай кара теке сүздү, - Темир аялын карады, - Айнаш, сен экөөбүз буларды элдештирбесек болбойт, достугубуз кайсы анан, көрүп туруп унчукпай койгонубуз...

- Туура, азыр эле баралы анда.

- Жок-жок, биз жараша албайбыз, балким мен алыста иштеп жашап көрсөм анан бир байкап көрөөрбүз.

- Ошол кантип болсун, балдарыңа эле кыйын болуп калат, силерге эчтеке эмес, - Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, - Айнаш чыйпалактап ийди, - Биз силерди көрүп туруп кантип унчукпай кое алабыз, үйүңөрдүн бузулганына кантип жол беребиз.

- Убара болуунун кереги жок.

- Деги урушуңардын негизи эмне? - деди Темир.

- Эч кандай себеп деле жок, - Данияр башын жерге салды, - Эгерде биздин жашообуздун жакшырышын кааласаңар мени жөнөткүлө досум, иштеп келип акчаңарды берем, - деди Данияр ашыкча сөз айтпай.

- Макул-макул, экөөңөр эки жакта жашап да көргүлө, - деп Темир ийин куушурду, - Балким ушунуңар оң болоор, - деп эки миң доллар берип жөнөттү.

- Рахмат досум, буйруса кайтарам, - деп шыпылдай чыгып кетти, Айнаш ордунан турду.

- Мен Салимага жолугуп келейинчи.

- Барганда эмне, алар өздөрү чечишкен соң биз эмнне кыла алабыз?

- Бир барып сүйлөшүп келейинчи, - Айнаш болбой эле жөнөдү.

- Өзүң бил, - деп Темир кала берди, Айнаш анын үйүнө келди да эшигинин коңгуроосун басты эле эч ким чыкпады, узакка басса да жооп болбоду, аргасыз эшикке чыгып кетмек болуп калганда гана Салима Аязбек менен келип калды, аны көрүп тартынып:

- Бул менин аяшым, түшпөй эле кете бер, - деди да унаадан түшүп Айнашка жаркылдай карады.

- Кел Айнаш, жөн-жай элеби?

- Жөн-жай эле, кабар алайын деп келип кетип жаткам, кайда бардың?

- Иштер менен жүрдүм, балдар келип калдыбы деп такси менен келгемин.

- Аа-а, балдар келе элек экен.

- Жүрү үйгө кир.

- Кирем, ушунча келип кетип калбайм да, - деп күлдү Айнаш, экөө ээрчише үйгө киришти.

- Отур, чай кое коеюн.

- Чайды тим кой, экөөбүз жөн эле сүйлөшүп отуралы.

- Кой эми чай ичип отуруп деле сүйлөшөбүз, - деп Салима: "Данияр бирдеме десе керек ошого сыр сурамак го?", - деп ойлонуп анын келгенинен улам дароо сезди, сыр билгизбей чай, тамагын алып келип жанына отурду.

- Отурчу Салима, Данияр экөөңөрдү кайсы кара теке сүздү?

- Эми-и Айнаш, ал экөөбүз эми кайра бирге боло албайбыз.

- Эмнеге, ортодо чырактай балдарыңар турбайбы?

- Балдар кийин түшүнүп алат.

- Ошончо карайдыңбы, же башка бирөөнү сүйүп калдыңбы Салима?

- Жо-ок, кайдагыны айтасың, эми мени ким карамак эле? - Салима ага күлө карады, - Мен кимди сүймөк элем?

- Деги да, Данияр болсо эртең Россияга кетмек болду.

- Кайдагы акча менен кетмек экен?

- Бизден акча алып кетти, табыштыралы десек дегеле болбойт, жашообуз болбой калды деп эле үшкүрүнөт, - деп Салиманын сырын тартмак болсо дагы ал сыр бербеди.

- Өзү билсин, канча алып кетти?

- Эки миң доллар.

- Анчаны эмне кылат экен?

- Иштетет го?

- Өзүнөн көрсүн, тентигиси келсе бара берсин, - деп койду Салима ойлуу.

- Салима, күнөө кимиңерде деги, балдар чоңойгондо силерди кудай урдубу?

- Мен эчтеке дей албайм Айнаш, Данияр өз тагдырын өзү чечти, эми артка жол жок, мен дагы өз жашоомду өзүм өткөрөм, - деп унчукпай калды: "Демек кеткен экен, бети чыдаган эместир, өзүң кылган иш, өз башыңа муш деген ошол, дегеле эркекчилин кара жүзү кара", - деп ойлонуп алды.

- Эми деле кеч эмес Салима, аны токтотуп калса болот, кечирилбей турган эчтеке жок эмеспи, күйөөңдү кечирип кайрып ал, - Айнаш Салимага чын ниети менен айтты муну.

- Болбойт, - деген Салима ага ойлуу карады: "Эгерде чындыкты билсеңер Даниярды жугуштуу оорудан бетер үйүңө жолотпой бетине түкүрөөр элең", - деген көз караш эле. Айнаш ага ары айтты, бери айтты, болбогон соң үйүнө кетти. Салима ойлонуп отурганда Асан кирди:

- Үсөн келдиби?

- Ал атам менен сүйлөшүп жатат.

- Ал кайда жүрөт?

- Эшикте.

- Мейли, - деди да ашканасына кирип тамакка киришти, - Эртең эрте айылга кетебиз уулум.

- Таятамдыкынабы?

- Ооба.

- Макул, эртең дем алыш да.

- Сен атаң менен жолуктуңбу?

- Жок.

- Бар, барып кел, ал Россияга кетип жатат.

- Эмнеге?

- Иштеп келет го?

- Көпкө жүрөбү?

- Алыс жерден көптө келет да балам.

- Анда мен барып келейин, - деп эшикке жөнөгөндө алдынан Үсөн чыкты.

- Атам кетти, - деди ал сабыры суз.

- Кетип калдыбы?

- Ооба, өзүң барбай койдуң го?

- Мейли, - Асан шаабайы сууй кайра отуруп калды.

- Апа, атам машинасын Айнаш аяш апамдыкына коюптур.

- Мейли уулум, келип чайыңарды ичкиле.

- Макул, - деп экөө кийимдерин алмаштырып келип отурушту, аларга чай тамагын берип анан өзүнчө ойлонуп отуруп калды: "Күнөө кимде, же менин өзүмдөбү, унчукпай коюшум керек беле, Алиманы убагында боздотсо, эми мен азап чегип отурам, ортобузда эми кайдагы сый калды, кеткени жакшы болду, эртең апама барып бир бугумду чыгарып алайын, Алиманын көөнү бурулбай менин эрим менен өз көңүлү менен жатпаган болсо анда кечирем", - деп ойлоп алды. Балдарын жылуулап жаткырып анан өзү жатып алып ойлонуп жатып көзү илинбеди, ооналактеп чабалактап уктай албады. Эртеси балдарын эрте тургузуп кардын тойгузуп, жылуулап кийинтип даярданып жатканда Аязбек келип калды. Ошентип түпсүз санаанын жараткан суроосуна жооп алуу үчүн Салима айылга жөнөдү, бирок ал бул жолу дагы ал суроосу жоопсуз калаарын билген жок, анткени биринчи класска барып калган Тилектин айынан Жапар кан басымы көтөрүлүп эчтеке билбей жатып калган эле, туугандары чогулуп врач чакыртып үрпөйүп турушканда Салима үйдүн жанындагы топтошкон элди көрүп коркуп кетти:

- Кудай ай, бул эмне болгон эл, атамдар аман эсенби деги? - деп шашыла түшүп жетип барды.

- Эмне болду, мынча эмне эл көп? - Ар кимисин карап үйгө жулуна кирип барды эле Шекеркүл алдынан чыкты.

- Ырас келбедиңби кызым, атаңдын акыбалы начар.

- Ага эмне болду, кандайча ооруп калды?

- Оору деген оору да кызым, айтып келмек беле? - деп билмексен боло ичкериге ээрчитип кирди. Чынында мындай болгон эле, Жапар уулун мектептен тосуп келмекке барат, Тилек бир бала менен урушуп жаткан экен, ал бала Жапарды көрүп эле:

- Сен таштандысың, Жапар атаң сени багып алган, сен таштанды сүйлөбөй калчы! - деп кыйкырат.

- Калп, мен таштанды эмесмин, мен атамдын эле баласымын! - деп Тилек аны менен көрүшүп калды, ошол убакта ал баланын апасын бирөөсү чакырып келе койгон экен, ал келип эле алкылдап кирди:

- Ийи чечек, таштанды эмей ким элең, Жапар сени көрүнгөндөн таап багып алганын баары эле билет, менин балама тил тийгизип күчтүүсүн кара, таштандыга таш тийбейт, бос тондууга бороон тийбейт дегендей, курамадан курч төрөлүп калганын кара! - деп Тилекти жаакка чаап ийгенде Жапар жетип барды.

- Байкап сүйлө, балдарга жаман сөздү үйрөтпөй кайра урушса токтотпойсуңбу, ок акылы кыска арам катын! - деп Тилекти колдон ала жетелеп жөнөдү.

- Ийи, кайсы эле адал баланы бактың эле, элдин баары билет, таштанды баланы багып алганыңды! - деп баласын жетелеп көп сөздөрдү сүйлөп кетип жатты, Жапар унчукпай Тилекти жетелеп кетип жатып башы айлана түштү.

- Ата, мени эмнеге таштанды дейт? - деген сөзгө ал жооп бере алган жок, үнсүз үйүнө келгенде анын өңү таптакыр бозоруп зорго кирди, төргө өтүп эле кыңкая калды, ошол бойдон өйдө болбой жаткан, айылдык врачтар карап анын кан басымы көтөрүлүп мээге кан куюлуп кетиши мүмкүн деп укол дары куюп жатышканда Салима келди, ал ыйлап-сыктап жатканда дагы машина токтоп калды, Салима чыгып Аязбекти жөнөтүп кайра кирмек болгондо токтогон машинадан түшкөн Эрмек Алиевичти көрүп Салима токтой калды: "Бул биякта эмне кылып жүрөт, кимдикине келди", - деп ойлонуп аярлай калды. Ал унаадан түшүп эле алардын үйүнүн дарбазасына жеткенде Салима жете келип:

- Саламатсызбы Эрмек Алиевич, сиз кайдан? - деди жылмая учурашып.

- Мен Жапар дегендин үйүнө келгемин, бул жерде эмнеге эл көп экенин билбейсизби? - деди ал.

- Атам ооруп жатат, - дегенде Эрмек ага түшүнбөгөндөй карап:

- Сиз Жапардын кызы болосузбу? - деди сулуу көздөрүн ирмегилей.

- Ооба, а сиз эмнеге келдиңиз эле?

- Мен... мен... эмнеге деп айтаарымды да билбей турам, - деп ылдамдай үйгө басып кирди, Жапардын өңү көгөрүп дем ала албай кыйналып жаткан, Эрмек көрүп эле.

- Кана, шаарга алып кетиш керек, мындай абалда карап отурганыңар болбойт, - деди да эч кимге карабай көтөрүп жөнөдү. Шекеркүл менен Салима, туугандары анын ким экенин сураганга буямасы келбей кала беришти, алар менен бирге Салима шаарга келип түз эле ооруканага келишти, кымбат дары-дармектерди бердирип өзү карап турду, Салима ага даай албай: "Атамдын баласы ушул болсо керек, башка киши ушинтмек беле, демек ушул Эрмек экен го", - деп ойлонуп ал дагы ошол жерде түнү бою отурду, ошол убакта Эрмек ага:

- Салима, кыйналдың го, жүрү тамактанганча сүйлөшөлү, - деп аны ээрчитип чыгып унаасын айдап жөнөдү, алар чоң кафеде отурушту аздан соң, сөздү эмнеден баштаарын билбей саамга отурду да, - Салима, биз ушундай кезеңде жолугушуп калдык, бул да болсо тагдыр... - деди Эрмек.

- Сизди түшүнбөй турам, кандайча атама жардамдашып калдыңыз?

- Салима, сен мени түшүнчү, мурда бир уктуң беле?...

- Эмнени? - Салима сынай билмексен болуп карап калды.

- Мен сенин агаң болом Салима.

- Ыя?! - Салима көзүн бакырайта ишенип-ишенбегендей карап туруп калды.

- Тагдыр ушундай экен карындашым, мен дагы баккан апамдан кеч уктум, ал мени кетип калат деп кызганып айтпай жүрүптүр, чындыкты билбей атамдын ким экенин кеч укканда өзүм дагы жаман абалда калдым, - Эрмек жер карап көпкө унчукпай калды.

- Мен кубанычтамын, мурда бир укканым бар, бирок мындай болот деп ойлогон эмесмин, - деп Салима кубангандай колун сунду, - Агам болуп чыкканыңызга аябай кубанам.

- Ыраазымын, мени жакшы кабыл алат деп күткөн эмесмин.

- Кантип эле, атам деле уулум жок деп арман кылчу, эми сакайып кетсе кубанат го? - деп күлүп калды, - Атам кандай гана кубанаар экен?

- Кубанаар бекен? - Эрмек Салимага карап муңду көзүн кадады.

- Кубанат, албетте кубанат, бир жолу айтканын уккамын.

- Мен атайын дарегимди берип чакыртсам келбей койгон эле, ошондо капаландым, анан кабыл алса да албаса да бир көрөйүн деп келип ооруганынын үстүнөн чыктым, - деди Эрмек ойлуу.

- Ким чакыртканын айттыңыз беле?

- Жок, жөн гана келип кетиңиз деп жазгамын.

- Анда колу бошобой калса керек?

- Билбейм, жүрү эми баралы, көзүн ачты бекен? - Эрмек ордунан турду, ал коркуп турду: "Кокус көзүн ачпай өтүп кетсечи", - деген ойдо турган эле, алар ооруканага келип Жапар жаткан палатага кирип анын көзүн ачып Шекеркүл экөө сүйлөшүп жатканын көрүп кубанып кетти, бирок ал Салимага: "Айтпай тур", - дегендей башын чайкады.

- Ата, өзүңдү кандай сезип калдыңыз? - Салима келип бетинен өөп жанына отурду, - Жакшы элесизби ата, коркутуп жибердиңиз го?

- Жакшы кызым, жакшы элемин, - Арыраакта турган сымбаттуу жигитти көрүп, - Салима бул жигит врачпы айланайын? - деди, бирок ал өзүнүн жаштыгынын көчүрмөсү сыяктуу өзүн көрүп тургандай күңгүрөндү: "Көзүмө ошондой көрүнүп жатса керек, эмне болуп жатам деги, дөөрүгөн жокмунбу", - деп ойлонуп акыркы сөзүн үн чыгара айтып ийди, Салима ага жооп бергенин дагы укпай кайрадан туңгуюкту көздөй сүңгүп кетти.

- Ата-а, ата көзүңдү ашчы, деги эмне болду ата? - Салима ыйлап ийди, кайрадан аны тегеректеп калышты, укол сайып калышты. Эрмек врачтар менен сүйлөшүп жакшылап каратып жатты. Эки-үч сааттай убакыт өткөндө көзүн ачты:

- Шекер, Салима мен тирүүмүнбү?

- Ооба ата, сен биздин жаныбыздасың, - деп Салима ыйлап отурган, Эрмек врачтар менен сүйлөшүп жүргөн, ал киргиси келбеди: "Балким мени көрүп бир нерсе эсине түшүп жатат окшойт көрүнбөй эле коеюн", - деп төлөмдөрүн бүт төлөп коюп коштошпой кетип калды. Жапар акырындап жакшы болуп баратты, ал ооруканада көпкө жатып калды, аны капаланууга же кубанууга дагы болбойт дешти. Салима врачка сүйлөшүп дары-дармектердин канча болгонун сурады эле баары төлөнгөнүн айтты.

- Кызым, - деди Шекеркүл Салимага карап, - Жанагы жигит ким экен, көрүнбөй калды го?

- Апа, атам азыр жакшы болуп калды ээ?

- Дурус эле го?

- Сен билесиң да атамдын баласы бар экенин.

- Ооба-ооба, ботом ошол бекен?

- Ооба апа, эми биздин агабыз бар, атам өзү жакшы сезип калса мен Эрмекти алып келейин.

- Кое тур кызым, адегенде мен айтайын, зорго турган неме кубангандан өлүп калбасын, - деп Шекер ойлуу кызын карады, - Ал каерде иштейт экен?

- Апа, ал сот болуп иштейт.

- Ийи бечара, чоң экен го?

- Ооба, атамдын эле өзү экен апа.

- Ырас эле, жаш кезинин түспөлү тура.

- Ээрчитип келейинби?

- Сен бар, мен атаңа айтып турайын, - деп Шекеркүл палатага кирди, Салима ооруканадан чыгып соттун имаратын көздөй шашыла троллейбуска түшүп жөнөдү. Райондук соттун имаратына келип Эрмек Алиевич деген кабинетти издеп жүргөндө:

- Салима, сен кайдан? - деп артынан үн салды эле бурулуп:

- Сиз... - деп кубангандай жетип келди, - Сизди издеп жүргөмүн.

- Кандай, чал жакшыбы? - деди ал атайын ата дебей.

- Жакшы, эмнеге барбай койдуңуз?

- Азыр акыбалы начар, кубаныч-кайгыны көтөрө албайт деди врач, мен өзүмдү тааныта турган кез эмес экен...

- Апама айттым, ал сизди алып кел деп жиберди.

- Жарайт, менин азыр соттук процессим бар эле, андан кийин өзүм барып калам, сен бара тур ээ? - Эрмек Салиманы жылмая карады.

- Мен күтүп эле турайын, бирге баралы.

- Көп күтүп каласың го?

- Мейли, өз агамды канча болсо деле күтөм, - деп Салима ага эрээркей күлүп карады, - Ансыз дагы атамдын кубанычын күтүп келе жатабыз, - деген Салима отургучту көздөй басты.

- Жарайт, мен бат эле, - Эрмек ылдамдай басып кетти. Салима аны карап туруп өзүнчө сыймыктанып алды: "Менин бир тууган агам бары кандай жакшы, мурда агам болоорун элестетип көрбөгөн экенмин, Алиманы жанымдын жартысы, эки көзүмдүн бири деп жүрсөм... Ооба ал жаш кызды келесоонун жанына жалгыз таштаган бизде күнөө, анын да арманы күч болгондур, кандай ойлобогонумду карачы, кара чечекейим го менин, аны күнөөлөгөнгө кандай акым бар, күйөөгө тийгенде кантти экен, кандай абалда калды экен байкушум, эмдигиче күйөөсүнүн сөзү өйдө болуп жүргөндүр", - деп зээни кейип көзүнө жаш тегерене түштү. Канча отурганы белгисиз.

- Кеттикпи? - деген Эрмектин үнүн угуп чоочуп кетип көз жашын аарчый кайсактап тура калды, - Ыйлап жатасыңбы Салима? - Ага үңүлө калды, - эмнеге ыйладың? - деп өзүнө каратып жашын аарчыды.

- Кубанганымдан эле байке, сиздин дагы бир карындашыңыз бар...

- Ал кайда?

- Кеминге чыккан бир кыз, үч уулу бар.

- Жакшы, буйруса чогуу таанышабыз.

- Макул, мен аны чакыртып ийем, атам жакшы болуп калды, үйгө бирге баралы ээ? - деп Салима токтоло элек кыздай ага эркелей колтуктап алды, - Кандай кубаныч, сизди баягыда көргөнүмдө негедир өзүмө жакындай сезип калгамын, кийин бир келем деп келе албадым, оорулууну кароо кыйын экен, - деп качантан бери тааныштай, сырдаш бир тууганындай сырын айтып жатты. Ошол убакта аларды көздөй келе жаткан Эрмектин аялы экөөнү карап өзүн жаман сезип боюн жашыра берди, ал күйөөсүнө жолукканы келе жаткан эле. Эрмек ага эчтеке айта элек болчу, качан баары менен таанышып бара турган болгондо айтам деп жүргөн. Экөөнүн унаага отуруп кетип жатканын көрүп дароо эле таксиге отуруп артынан жөнөдү, алар ооруканага жетип кирип кеткенде кайра кетип калды: "Ал аял врачпы же сестра болуп иштейби, токтоолук кылып турайын, балабыз турбайбы, кантип эле азгырылып кетсин", - деп кыжаалат боло үйүнө кирди, Акылай анын киргенин көрүп:

- Келдиңби айланайын? - деди.

- Ооба.

- Жолуктуңбу?

- Жок, иштери менен кетиптир.

- Ийи, келет да анда, - деп тим болду Акылай. Эрмектер ээрчише киргенде Жапарга Шекеркүл айтып бүткөн эле, Жапар башын көтөрө:

- Эрмек, сен Эрмексиңби? - деди.

- Ооба, менмин, - Эрмек тайсалдай жакындап келди, канчалык өзүн токтоо кармагысы келгени менен кубанычпы же толкундообу айтоор бүткөн бою калтырап тердеп кетти.

- Уулум! - деп Жапар ага кулачын жайганда ушуну эле күтүп тургандай боюн таштады Эрмек, ата-бала бир топко кучакташып ыйлап турду, Шекеркүл менен Салима аларды карап көз жашын тыя албай тура беришти, - Уулум, мени кечир, сенин бар экениңди билгенден кийин эки жолу бардым, биринде окууда экенсиң, биринде апаңды алып шаарга кетип калыпсың.

- Ооба, мен дагы жакында эле уктум, апам кызганып айтпаптыр да, анткени башка баласы жок мени кетип калат десе керек.

- Аны дагы түшүнсө болот, эжесинин аманатын кеч айтты мага да.

- Айла-анайын балам, кел-келе гой, - деп Шекеркүл аны өзүнө чакырып эки бетинен өптү, - Келгениң жакшы болду балам, баары бир ала кушту атынан айт дегендей өз ага тууганыңдай болбойт, атаң да картайды, - деди мээримдүү карап.

- Ооба, өзүм деле ошону ойлодум.

- Мени качан чыгарат экен кызым сурачы, - деп Жапар өйдө болду, - Уулумду үйгө алып барып туугандары менен тааныштырайын, - деп шашкан болду.

- Ата, жата туруңуз эми, бүгүн чыгарбайт го? - Салима күлүп атасын карады, - Уулуңуздун үй-бүлөөсү бар, жалгыз эмес, чогуу чакырабыз да.

- Ыя, ошондойбу? - Жапар Эрмекке карады, ал жылмая башын ийкеди.

- Ооба, Салима туура айтат, биз чогуу барабыз.

- Айланайын десе, уулум жок деп арман кылып жүргөнүмдө сенин бар экениңди угуп бир кубандым эле, бирок таппай жаман санаага батпадымбы, эми ушуга шүгүр, балам догдуруңа айт, азыр эле чыгарсын, мен жакшымын, - деп турмак болду. Эрмек аны кармай калды.

- Мен сүйлөшүп келейин, отура туруңуз.

- Ошент балам, мен сени кетирип ийсем таппай калчудай болуп турам, дароо эле келинимди да алып түз эле кетели.

- Шашпаңыз, - Эрмек чыгып кетип кайра бат эле кирди, - Сизди чыгарышты, мен азыр... - деп палатадан чыгып телефон чалды. Айзада телефонду алып эле таңгала кайненесин карады:

- Апа, Эрмекке эмне болгон, түшүндүрбөй эле конок барат, даярданып тургула деп өчүрүп койду да.

- Болсо болоор балам, камыңды көрө бер.

- Кызык, ким кандай конок экенин да айтпады го? - деп Айзада өз ишине киришти, чынында ал кыйналбайт деле, баары бар, болгону үстөл үстүнө коюп анан тамак асып коет, кээде ага ошол дагы оор келип Эрмекке.

- Мен бала менен кыйналып кеттим, үй жумушчу албайлыбы? - деген эле бир жолу.

- Шашылба, ал дагы болот, - деп Эрмек камырабай койгон болчу, эми ошону ойлонуп: "Конок келет, даярданып тур дейт да турат, кандай конок болуп кетти, баламды окууга киргизип кой, кызымды сага тапшырайын дедим эле", - деген дагы бир тааныштары болсо керек, мени үйүндө кызматчысындай көрөбү, неге мен тамак жасап, конок күткөнгө камынышым керек экен", - деп өзүнчө жинденгени менен баарын жасап жатты. Эрмек табышкер, кадыр-баркка жетип калган жигит, Акылай: "Болду болбоду ал атасын тапкан, коногу ошол болуш керек, союш таптыр дегенинде кеп бар", - деп ойлуу небересин алып отурган. Бир кезде дарбаза ачылып машина эшиктин алдына келип токтогону угулганда үстүңкү кабаттын терезесинен карап калды. Жапар алдында отурган эле, алар үчөө болчу, Эрмек шашкалактап үйдүн эшигин ачып:

- Кириңиздер, - деди үй ичине кол жаңсай.

- Олда-а балам ай, куру кол алып келе бердиң да, - деп кейиди Шекеркүл, алар үй ичин көрүп эле таңдана карап кирип баратышты, - Үстүнө чыга берээрде Эрмек алдыга өтүп конок бөлмөнүн эшигин ачты.

- Биякка кирип отуруңуздар, мен азыр, - деп кайра чыгып кетти, ошол убакта Акылай алардын үстүнө кирди.

- Келгиле меймандар келгиле, бу кандай күтүлбөстүк болду? - деп саал кызгангандай кергичтей учурашты, - Жакшы келдиңиздерби?

- Кудайга шүгүр балдыз, деген менен сага рахмат, баламдын бар экенин билбей уулум жок деп арман менен өтүп кетмек экенмин, кеч болсо да баламдын жүзүн көрүп жаратканга ыраазы болуп турам, - деди Жапар.

- Ырас, эжем байкуштун аманатын аткардым, пендечилик кылып өз баламдай эле айткым келбей жүрдү, бирок жашың өткөн сайын өлүм ак деген эмеспи, а дүйнө, бул дүйнөнү ойлоп айтууга туура келди, - деп орун алды Акылай, - Өзүм дагы эл аралап киши көрүп, мазар-учарга барып кудайдын кишиси болуп калдым, чындыкты жашыра албадым.

- Туура кылгансың сиңдим, өлбөгөн адам болбойт, - Шекеркүл сөзгө аралашты, - Мына биз деле улам барган сайын чын дүйнөнүн камын көрө баштабадыкпы, Эрмек сенин да балаң, биздин да бала болуп жүрө берсин айланайын, көрүп алып кубанып отурабыз.

- Болсун-болсун эжеке, ушул жездемден эмнеге кеткенин деле түшүнбөй калдык эжемдин, тагдыр экен, минтип кайрадан кезигишип отурабыз, - деп Акылай чоюла сүйлөп босогону карады, Эрмек кирип:

- Ата, апа бул келиниңер болот, - деп Айзаданы ээрчитип кирди, - Кана жүгүнүп кой, - деди буйрук кыла, Айзада ызаат кыла жүгүнүп калганда Жапар менен Шекеркүл туруп келип бетинен өөп.

- Бактылуу болгула айланайын, ак жолугуң башыңдан түшпөсүн, - деп башынан акча айланткан Жапар сыртка жөнөдү.

- Кайда жөнөдүңүз? - Эрмек таңгала карады, ал ата дегенге анча оозу көнбөй жаткан, Жапардын колунда үч-төрт миң сомдук жүргөн эле.

- Бул акчаны келиним экөөңөргө түлөө катары үч айрылышка таштап келейин балам, - деп Жапар калдактай сүйлөдү.

- Жарыктык, ошол кантип болсун, анан деле таштап коесуз.

- Жо-ок, азыр таштайын, - деп болбой чыгып кетти.

- Кызык, эски кишилердин ырымы башкача, - деп Эрмек күлүп калды, Салима дагы Айзада менен учурашып сүйлөшө калышты, ошентип ата-бала бири-бирин тапканга кубанышып эк күн ал жерде конок болуп баласынын сыйын көргөн Жапар жетине албай жатты. Эрмек аларга кийимдин жакшысынан кийгизип анан өзү жеткирип кайтты, алар келгенде Алима келип үйдө болуп жаткан, Тилек менен Асан, Үсөндөр дагы ошол жерде эле, Салима сиңдисин көрүп өңү бозоро түштү, бирок сыр билгизбей кучакташа учурашты, анткени Азамат дагы бар эле. Ал атасынын кубанычын сууткусу келбеди, өзүнүн ден-соолугун сураганы келген туугандары менен коңшуларына айтып түгөтө албай жатты.

- Эмки базарда Эрмек келет, бир жылкы союп той беремин, силер дагы камынгыла, - деди иниси Сапарга, - Эч кимиси жоктой болбосун, үй-бүлөөсү, апасы менен келет.

- Тоспой анан, тосуп алабыз, - деп барбактады Сапар. Ошентип ал кубанып кызуу даярданып жатканда Алима кете албай калды, ал дагы өзүнүн эркек бир тууганы барына кубанып турду. Жапар айткандай эле уулун бээ союп айыл-апаны, тууган-уругун чакырып тааныштырды. Ошол убакта Эрмек: "Эми мен аты-жөнүмдү которуп Жапаров болушум керек", - деп ойлонуп алды. Салима балдарын алып үйүнө келээри менен ага Аязбек чалды. Ал Салиманын үйүнө телефон чалып тынчы кетип жүргөн эле. Экөө жолугушуп бир сөзгө келе албай жатышты, ага Аязбек үйлөнүү шартын койду, ага Салима болбой убакыт өтө берди. Даниярдын Россияга кеткенине бир жылга жакындап калганда андан кат келди: "Салима, кандай жакшы жатасыңарбы? Балдарым чоңоюп калдыбы? Мен силерди аябай сагындым, бирок өзүм кылган күнөөм үчүн кеч ойлонуп өзүмдү кечире албай жүрөм, Темирден акча алып кеткемин, бирок аны төлөй албайт окшойм, андай болуп кетээрин кайдан билдим, акылым айран, сенин ачууңдун келгени туура, акактай балдарды төрөп бергениңе карабай, өзүмдүн жетимдигимди билгизбей жүргөн сенин ишеничиңди актай албадым. Кечир!!! Сен Алиманы күнөөлөбө, анда кымындай дагы күнөө жок, эки бир тууганды бири-биринен жат кылып койгонумду ойлосом жаным жай таппайт. Абийирим өзүмдү кыйнап бүттү, мен эми бөтөн эл, бөтөн жерде аяксыз жоголо турган болдум. Мени кечир, балдарды жакшы кара, көңүлүңө жаккан адам болсо тийип ал, мени унут балдарга өзүң каалагандай түшүрдүрөөрсүң. Орус токоюнун бир четинде отун даярдаган бир кыргыз бомж жүрөт, ал менмин, мен өзүмдү-өзүм абийиримдин сотуна койдум... Аз өтпөй бул суук менин өпкөмдөн өтүп жүрөгүмдүн кагышын токтотоор, алы-күчүм барында калем кармаган колумду үйлөп коюп акыркы демим менен жазып бүттүм. Ак сүйүүмө өзүм кастык кылдым, эми силердин жүзүңөрдү карай албайм Салима, кош ардактуум! - Кош бол! Сенин аппак сүйүүңө арсыз мамиле кылган Данияр", - деп колун коюп койгон экен, Салима окуп да ыйлап да жатты.

- Байкушум десе, сенин ошонуңду кечире албаган айбан экенмин, - деп шолоктоп жатты, анан катты алып келген таанышын эстеди, аны таанычу, дароо кийинди да ага жөнөдү. Кубат Даниярдын айылдашы, жетип эле эшигин какканда аялы чыкты.

- Кел-кел Салима.

- Келдим, Кубат барбы?

- Ооба, кир үйгө.

- Кирбей эле коеюн, сүйлөшүүм керек, чакырып койчу.

- Мейли, - деп аялы кирип Кубатты чакырып чыкты.

- Кел, жайчылыкпы?

- Даниярдын кайда иштегенин билесиңби?

- Ооба, - деп Кубат тайсалдай түштү, - Ал эми-и...

- Жетет, мага дааналап жазып бер, - деди да так дарегин алып ата-энесине барып акча алып үчүнчү күнү жөнөмөк болуп даярданып калганда түнкү үчтөр чамасында үй телефону чырылдады.

- Алло, угуп жатам, - деп Салима колундагы трубка түшүп кетип көзүнүн жашы мончоктоп агып турган жеринде катты. Кат жазгандан бери бир ай өткөн экен: "Кечигип калдымбы", - деп буркурап жалгыз үйдүн ортосунда боздоп жатты. Анткени Даниярдын сөөгүн таанып калган бир жигит кийиминин төш чөнтөгүнөн эки уулу Салима болуп түшкөн сүрөтү менен паспортун, блокноттогу телефонду таап чалган экен. Ошентип анын сөөгүн алып келип койду, Темирлерге ыйлап туруп Данияр алган акчаны берди эле албай коюшту, кайра жардам берип тажыяга кеткен чыгымдарын көтөрүштү. Аязбек ошол учурда ага келип жардамдашып жүрүп дагы бир жыл өткөндө алар баш кошуп алышты, анткени ошол кезде Салима кош бойлуу болуп калган эле. Сиңдисине билмексен болуп ичтеги бугу, ызасын Даниярдын өлүмү менен бирге кеткендей зымырайды. Алима болсо эжесине жаркылдап күлүп аларды өз үйүнө конокко чакырды, алар менен кошо Эрмек Жапарович да үй-бүлөөсү менен Жапар менен Шекеркүл, Акылай болуп он чакты адамды коноктоп отурушканда Азаматтын баласы сырттан бир кат көтөрүп кирди, ал Жазгүлдүн дагы бир оюндарынын бири эле. Катты Алима көрө коюп.

- Эмне экен? - деди уулунун колунан алып.

- Билбейм, бир бала берди.

- Кимден болду экен, - деген Алима ачып окуп кирди: "Азамат, сен мени унуттуңбу, сени сагындым, мага үйлөнөм дегениң кана, канчага чейин күтөм, төрөсөм атасы жок болуп өлөбү", - Жазгүл сүйгөнүң", - деген катты окуган Алиманын ачуусу келип Азаматты үйдөн чакырып чыгып үйдүн артына жетелеп барып урушуп кирди, ошондо Азамат булардын баары жалган экенин айтып карганса да болбоду, кайнагаларына, абысындарына чейин окутуп.

- Мен эми бул жерде калбайм, төркүндөрүм менен кетем, - деп үйдөгүлөргө билгизбей сырттан чатак чыгарып жатты. Ошондо Азамат катып жүргөндөрүн алып чыгып болгон окуяны айтса да ишенбеди, акыры конокторуна жетти, Эрмек катты алып чөнтөгүнө салды. Ал күнү эч нерсе болбогондой конок болуп, эртеси Эрмек участковыйга барып ал катты көрсөттү эле:

- Мен кайдан билем, өздөрү билет да, - деди моюн толгой, - Андай майда иштерге убактым жок.

- А буга эмне дейсиң? - деп өзү жазган кол жазманы көрсөтүп, өзүнүн удостоверениесин көрсөткөндө участковый Темир алдастап кетти. Ошентип аны ишинен куудуруп, Жазгүлдү жосунсуз жоруктары үчүн адамдын жеке жашоосуна моралдык жана материалдык зыян келтиргендиги үчүн штраф эки миң сом, үй камагына үч ай бердирип анан тынчытышты. Алима ошондо гана Азаматтын ак экенине ишенип тынч жашап калды. Быкы-чыкысы көп бул жашоонун агымы менен күндөр өтө берди...

Айгүл Шаршен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз