Айгүл ШАРШЕН


"Өмүргө так калтырган күн"


Гүлайым кетип баратып көз жашы жүзүн жууп бара жатты, баарынан көңүлү калып, бул кең дүйнөнүн бир бурчунда өзү жалгыз калгандай кең аалам ал үчүн тар болуп турду: "Неге, неге мынчалык таш боорсуң тагдыр, бул дүйнөгө келгеним үчүн күнөөлүүмүнбү, андай болсо бул жарыкчылыгыңды көрсөтүп жаратпай койсоң эмне, ата-энемден ажыратып, мээримден куру калгыдай эмнеден жаздым, мейли сүйүү бербе, өмүрүмдү ал, бирок мага ата-энемдин мээримин берчи, канчалык картайсам дагы мага ата-эненин жакшы сөзү, мээрими ичкен суудай керек, мени андан кур калтыра көрбөчү", - деп дилинде ойлонуп жүрөгү жара тилингендей зыркырап сыздап кетип жатты. Ал ушул азыр өзүнүн бала чагын эстеди, таенеси аны өтө эркелетпесе дагы жаман айтпады, балалыгы көпчүлүк эле балдардай бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде бар, бирде жок болуп өттү, эсине кире баштаганда бирге ойногон кыздарды көрүп, алардын өз аталары жөнүндө айткандарын укканда: "Эмнеге менин атам жок, эмнеге мага келип кетпейт, жок дегенде бир эле жолу келип кетсе мен дагы кыздарга атам бар экенин айтмакмын", - деп улутунуп алчу.

Бир жолу:

- Апа, эмнеге менин атам жок? - деди таенесине.

- Атаң менен кара жерге кир! - деп ачуулана карады.

- Эмнеге, сен атамды жаман көрөсүңбү?

- Жаман көрүп эмне кылам, - Айкыз жумшара түштү да Гүлайымды чачынан өөп койду, - Ал жетип да жолунан адашты да-аа...

- Мени билеби ал? - Гүлайым маңыроо суроо берди.

- Билбей эмне, билет кызым, жанагы шуркуя түйдөк чачы кое бере коймок беле, кудай жазасын бергир ошол болбосо атаңдын маңдайында чоңоймоксуң да садага.

- Мени эмнеге эстебейт анда, бир эле жолу келип кетпейт беле?

- Олда-аа каралдым ай, ошо жетим сенин ушинтээриңди кайдан билмек эле, башын тармал чач шуркуя айлантып алган да.

- Мен атамды көргүм келет.

- Болду тим койсо сүйлөй бересиң, тур китебиңди оку! - деди Айкыз ачуусу келе, ошол бойдон Гүлайым үндөбөдү, болгону он жашта эле, ак-караны анча ажырата элек секелек ичинен сызып кала берди, андан кийин ал жөнүндө сөз дагы болбоду. Эне эмне кылсын, кызынын көзөн колунан келишинче тарбиялады, Айкыз макал-лакаптатып сүйлөгөн, абдан кайраттуу аял болчу. Гүлайым көп ойлончу болду: "Менин атам деги кандай адам болду экен, апам түйдөк чач шуркуя деп кимди айтты, ал атамды чындап эле азгырып алган жаман аял болсо керек, ошол үчүн мага дагы жибербей жаткан тура, эмнеге атам анын тилин алат, баса берсе болбойт беле", - деп ар дайым ойлогону менен атасын көрө албады. Убакыт өтүп бой жетти, өз маалында турмуш босогосун аттады, бир балалуу болуп калганда бирөө айтып келди, өмүр бою эңсеп көргүсү келген атасы катышам деп келе жаткан экен. Күйөөсү союшун белендеп аларды күтүп калды. Гүлайымдын оюнда апасынын айткандары ар убак кетчү эмес: Ошол түйдөк чачты көрөт экенмин да чачы дагы тармал болсо керек, мен атамдан сөзсүз ушул убакка чейин эмнеге келбегенин сурайм, анан каттабай эле кой деп айтамын, мага керек учурда келбеген эми эмне кереги бар", - деп ойлонуп жатты. Бирок Айткулдун ал аялы бир топ жыл мурун өлүп калып беш кыз менен калып башка аял алып ошонусу менен келди. Ошондо дагы Гүлайымдын көңүлү калды, көрсө тигил эзели туубаган аял качанкы эски кийим-кечелерди көтөрүп келиптир, кайын-журтунан абдан уялды, арга жок эптеп узатышты. Гүлайым баягы бала кезиндеги күтүп жүргөнүндөй аталап аны кучактай албады, таптакыр башка адам эле: "Эгерде мен күтүп жүргөндө келсе башкача болмок, эми мен дагы чоңоюп өзүм эне болуп калбадымбы, азыр менин атага зар болгон жаш кезим өткөн, эч качан аны ата дегенге оозум барбайт", - деп салкын коштошту. Жашоонун өзү сыноо дегендей кыздуу болгондон кийин жүрөгүнүн эң түпкүрүндө өзүнө-өзү сөз берген сымал ыссык сезим пайда болду, ал кызына деген сүйүүсү эле: "Мен эч качан кызымды атасыз калтырбаймын, дүйнөдөн өтүп кеткенче кул-күң болсом дагы атасынын босогосунда кызым үчүн жашайм", - деп ойлончу болду. Арадан жылдар өтүп Гүлайым беш балалуу болду, аны Айткул өз үйүнө конокко чакырды, күйөөсү экөө кичүү уулун алып барышты. Беш бөлмөлүү, верандасы кенен, короосунда жүзүмү бар, огороду гүлдөгөн үйгө түшүштү. Гүлайым жайланышып чай-пай ичишкен соң үйлөрүн көрүп жүрүп эки баласы менен түшкөн аялдын саргарган сүрөтүнө көзү түштү, бири уул, бири кыз, ортосунда көздөрү бакырайган, тармал чач, арыкчырай кара тору аялды көрүп ичинен жек көрүп кетти: "Менин ата-энемди ажыраткан ушул аял экен да, өзү деле бактылуу боло албагын көрүнүп турат, башканын көз жашынан бакыт курам дегендер жаңылышат, акыры жазасын алат, кудайдын каарына калгандар дал ушулар эмеспи, балким тозок отуна күйгөндүр", - деп ойлонуп алып кайра чоочуп кетти: "Мен кандай тарбиясызмын, өлгөнгө да акаарат келтирүүгө болмок беле, бул дагы тагдырдын жазганыдыр, мени апам кандай тарбиялады эле, мындай ойго барбашым керек", - деп кудайдан кечирим сурап алды ичинен. Бирок ошол эле кечте сиңдилеринин өзүнө карата ичи тарыганын, сүйбөгөнүн сезген, жаш болсо дагы сезимталдыгы анын өзүн-өзү жубатууга жардам берди, деген менен ал Айкыз эненин: "Өзүңдүн башкадан канчалык бийик экениңди сезсең дагы төмөн боло бер, анткени жакшы адам эч качан өзүн жогору көрсөтпөйт, улук болсоң кичик бол деген сөз ошондон калган", дечү эле. Алардын адегендеги жасаган мамилелерин байкаса дагы байкамаксан болуп кете берди. Өмүрүндө аларды жок деп эсептеп койгон, себеби анын жан дүйнөсү такыр башкача эле, бир көңүлү калган адамга кайрылып сүйлөгүсү келчү эмес. Жылдар өтүп Гүлайым өз жашоосуна ыраазы болуп жашай баштаганда анын үй-бүлөөсүнө бүлүк түштү, күйөөсү башка менен байланышып алганын укса дагы билгизбей чыдады, ачык айтып урушпады: "Эркек деген кетет, кайра келет кызым, көтөрүмдү болсоң баарын жеңесиң, асты сен күйөөңө жаман айтпа, ат айланып казыгын табат деп бекер айтылган эмес, убактылуу көңүл ачып, башка аялга азгырылганы менен сен үй-бүлөө дегендин түркүгүсүң, сен токто, чыдамдуу болсоң баары ордуна келет", - деген апасынын сөзүн эстеди. Анан калса Айкыз эне кечээ эле жакында өтпөдүбү дүйнөдөн, сексен сегиз жашында өттү. Гүлайым чыдап жүрүп акыры мындан ары жашоосу болбосуна көзү жетип балдарын алып шаарга кетип калды. Убакыт желде сызып күндөр көзгө илээшпей өтө берди. Дал ошол кезде Кыргызстан өзүнчө өлкө болуп эгемендүүлүктү алып эле кыйналып турган кез, алы жеткени соодага баш оту менен киришип, кээси олчойгон акчаны соодага салып алып банкрот деген балээге учурап, жаңыланган өлкөнүн эли бирде жолдуу болсо, кээси жолун таппай жолдо калып "бомж", дегендер күн санап көбөйүп кетип жаткан убак. Гүлайым балдары менен соода кылып жүрүп: "Кыргыздын көбү көчөдө калганбы, эмнеге жалаң кыргыздар, өзбек же корейлер көрүнбөйт да", - деп ойлонуп алчу. Лөлүлөр кадимкисиндей эле сурап оокат кылышат, көбү бал ачышат, ошондо бир нерсе оюна түштү: "Атамдын мени менен апамды таштап алып кеткен аялы лөлүлөргө окшош экен, кыязы кыргыз эмес окшойт", - деп жол боюндагы бал ачып отурган цыганды көрүп ойлонуп алды. Негизи ал аял өзүнүн тагдырын талкалагандардын бири болчу: "Кийинки алган аялы бир баласы менен тийген экен, неге өзүнүн тагдырын ойлогон жок, ал деле бир баласын өгөй атага алып келиптир, кантсе дагы ал аял өзүн гана ойлоп, баласынын тагдырын, анын кызын ойлогон эмес экен", - деп улутунуп алды. Айткулдун беш кызына карайт деп алган аялы төрөбөгөн аял экен, ал кыздарда өтө жаман кылчу, баласы армиядан келгенде аны үйгө жолотпоонун амалын таап дароо Айткулдун жанына отуруп жойпулана минткенин уккан:

- Айтыке, бул балаңдын көзү жаман, ушундайда кетирбесең болбойт го?

- Эмнеге, ал кайда бармак эле? - Айткул аялын чоочуй карады, - Алинин бараар жери жок, мына бул кыздардын агасы да.

- Айтке, мени туура түшүн, балакет болуп кыздарга тийип жүрбөсүн, - деди созула карап, негизи сулуучумак аял өзү, аты Калыйча.

- Ой, сен эмне деп жатасың, кантип оозуң барды?

- Сен мага ачууланба, кечээ эртең менен короодогу койлор жактан бир дабыш чыкканынан бара калсам көзүң жамандыкты көрбөсүн Али бир койду кармап алып...

- Кой калпыңды, андайга барбайт.

- Ишенбесең өзүң бил, бир күнү кыздардын бирин бирдеме кылып коюп басып кетсе кантесиң? - деди эч нерседен камырабай туруп.


- Антпейт, экинчи мындай сөзүңдү укпайын.

- Айтыке, ушундайда кетирбесең болбойт.

- Эмне деп эле жатасың кемпир, кетиргенде кайда барат, мен аны өз баламда көрүп өстүрдүм, үйлөп-жайлап анан бөлгөнчө кое тур эми, - Айткул жамбаштай жатып калды.

- Кайда барат дейсиңби, бара турган жери бар чал...

- Кана айтчы, кайда барат экен? - Ормое карады.

- Сен маңыроосун чал, момундугуңда чек жок, ал сен экөөбүздү тажаткысы келип кете албай жүрөт.

- Кандайча? - Тура калды.

- Аның атасы менен таанышып алыптыр эбак эле.

- Кой калпыңды!

- Койбой этпей эле...

- Сен кайдан билдиң аны?

- Мен аны эбак эле билгенмин, азыр кеткенге шылтоо таппай эле зорго жүрөт, сага бир сыр көрсөтпөсүн, - деп күнү-түнү кулагынын кужурун алды, ошол убакта беш кыздын улуусу, аш жетпегендей тыртайган кызы Гүлсүн кирип келди эле:

- Кызым, сиңдилериң кайда жүрөт? - деди Айткул.

- Ой өлмөк беле кыздарың, арбактай болбой эшикке чыгып тандырга от жак! - деди Калыйча.

- Апа, от жага албай койдум.

- Жаагың сын, жегенде мени жей тургансып жулунасыңар го, иш кыл десе ийри жылаан болуп каласыңар. Ниетиңе жараша болуп арбактай болуп ирденбей жүрөсүң да.

- Болбодубу эми, бала эмеспи өзүң жагып берип кой, - деди Айткул аялына да, кызына да тарткандан айбыгып, калыс болгусу келген го бечара, антпесе ушу ортолоп калган жашында кайдан, беш кызын билген аял ага тиймек кайда.

- Кыздарыңды ичирип-жедирип эле койсо, деги беш жалаңкычты багам деп түгөнүп бүттүм, качан өз ашын өзү жасап ичет деги? - деп Калийча булкуна сыртка чыгып тандырга от жага албай түтөтүп жаткан Гүлсүндү ары түртүп ийди, - Турчу ары ач арбактай болбой!

- Апа! - деп Гүлсүн жыгылып тизээси сыйрыла отуруп ыйлап ийди, Айткул чыгып кызын сооротту, берки үчөө колдорун оозуна салып үн дебей жалдырап карап турушту, бешинчиси өтө жаш болгондуктан аны эжеси багып алган эле. Айткул өзү көп сүйлөбөгөн, бир мүнөздүү, балага боор этин берген адам, айласы канча Калийчага ал катуу айтып урушпады, анткен менен Калийча күйөөсүнө жакшы карайт, тамактын алдын, май сүзмөнү үзбөй ага сактап берет, кыздарга нандын күйүгү менен тандырдан сыйрылып түшкөн калдырканын берип коет. Гүлсүндөн кийинкиси толук кыз, аты Алтын, ал Калийча менен айтыша кетет, тилдүү неме, андайда аны Калийча каргап шилеп эле жатып калат. Андайда ага каяша айтчу же каршы чыкчу эч ким жок.

- Өлүгүңдү көрөйүн куу жетимдер десе, энеңерди мен өлтүргөн эмесмин, кудай алганы үчүн мен күнөөлүүмүнбү ыя, туубаганымдын айынан силерге окшогон далай арам тамактарды бактым, ушундан көрө бир уул же бир кыз төрөп алсам болбойт беле, жалаң жетимдерге кайран жаштыгым кетти кор болуп, - деп алкынып сүйлөп жатып жини таркаганда зорго жели чыккан болондой бырышып отуруп калат. Буга кыздардын да, Айткулдун да кулагы бышып бүткөн, аргасы канча, ар бири өз-өзүнчө дүйнө, ошол дүйнөнүн ачылбаган бойдон калганы жаман эмеспи. Эненин тарбиясы менен мээримине муктаж эле кыздар, бирок аларга Калийча уу тилден башка эчтеке бере алган жок. Гүлайым ушуларды ойлонуп өзүнчө абдан апасына (таенесине) ыраазы болуп кетет. Анткени ал мындай заардуу эмес эле, ал турсун колу тийбептир, кээде ачууланганы болбосо кордогон эмес, көрсө өз баласынын баласына кантип жаман айтсын: "Байкуш апам, ошол кезде дал мендей экен да, жашында күйөөдөн калып эки баласын колтугуна кысып чоңойтуп, андан кийин дагы небересин бакса кантсин". Бирок Айкыз эне ушунчалык акылман, кайраттуу аял болчу, жалгыз уйу менен беш-алты жандыгын багып неберелерине аш катык кылып аялдын, эркектин да ишин кылып жүрүп өтпөдүбү. Гүлайым ушуларды ойлонуп кетип жатты, базарга келип соодага көнүп бир топ эле каныгып калган, бир күнү батирине келип кечки тамагын ичкен соң түнү бою уйкусу качып көзү илинбеди, кызык бала кезде жүрөгү менен сүйгөн адамын көргөнгө аны эстеп такыр ооналактап жата берди... Түн. Асманда жылдыздын жарыгын тиктеп жата берди: "Эмнеге мен сүйүүдөн дагы жолум болгон жок, балким жаштын тилегин берет дегендей мага ата-эненин гана мээрими болсо болду, деген тилегим бар эмес беле, бирок кана ал дагы орундалган жок го", - деп улутунуп алды. Така-так этип поезддин өтүп бара жатканы түнкү тынчтыкты бузуп турду: "Аттиң, неге баарынан жолсузмун, бакыт деген менден ушундай эле терс айландыбы, адегенде эне-атанын мээриминен андан соң бактымдан айрыган тагдыр ушунчалык таш боор белең?!", өзөгү өрттөнө ызадан көзүнөн жаш сызылып жаздыгына агып жатты, ачуу арман көңүл ооруткан ызадан буулугуп тамагын кылк эте жутуп алды: "Мен сүйүүнү балалык кезимден наристе, таза сезим менен туйдум, сени жан дилим менен сүйдүм, жаным кырктан ашып баратса да унута албадым, неге экенин өзүм деле билбейм, эгерде мага кайрадан бир мүмкүндүк берсе, тагдыр мага сени жолуктурса кана атаганат. Бирок бир өлкөдө, бир жерде жашап жатсак дагы жолуга албайбыз, балким сен мени мүлдө эстебейсиң, унутуп да калгандырсың, бир кездеги сени эсинен кете сүйгөн кичинекей кара кыздын тагдыр жашоосу сени кызыктырбайт дагы чыгаар, бирок билип кой Төлө, сени жанындай сүйгөн бир адам бүт өмүрүмдө сен деп жашап жатканын, сенин сүйүүң мени колума калем карматып, жүрөгүмдөгү арманды, жашоомдогу кубанычты ак баракка жазып сырымды төгүп бир аз эс ала түшөм. Анткени бала кезден кыялкечмин, кыялым менен жашап, үмүтүм менен күн көрүп келем", - деп ойлонуп жатып таң аттырып жиберди, терезеден жылдыздар суюла тарап, таң шооласы кылайып келе жатканда ордунан туруп кийинди да бирдеме шам-шум этип алып базарга жөнөдү. Керээли кечке базарда соода кылат, балдарына кийим-кече алат, ичип-жеп жашап жатып аз-аздап акча чогултуп жатты. Көнүмүш өтүп жаткан күндөрүнүн биринде ал Атабек деген адам менен жолугуп калды, ал күндө айланчыктап келип анын жанында тура берет, кээде товарга барып келгенче соода кылып да койчу болду.

- Гүлайым, мен сени жактырып калдым, баш кошуп албайлыбы, - деп бир күнү ал Гүлайымга кайрылды.

- Жок, мен эми турмушка чыкпайм, сен мени билбейсиң, мен да сени жакшы билбей туруп кантип баш кошобуз, балдарыбыз бизди жактыра койбос.

- Гүлайым, мен сага сөз берем, капа кылбайм, каалаганыңды таап берем, балдарым мени тааныбай деле калды, - деди Атабек.

- Эмнеге? - Гүлайым ага суроолуу карады.

- Ал өзүнчө бир окуя...

- Кызык экен, ал кандайча?

- Мен анда отузга чыгып-чыга элек жигит элем, - деп сөз баштады Атабек, экөө ээрчише үйгө жөнөдү, балдары айылга кетип жалгыз жашап жаткан эле, тамагын асып коюп Гүлайым Атабекке кайрылды.

- Кана сүйлө эми, жакшылап угайын, - Күлүмсүрөй карады.

- Анда мен көп нерсеге маани бербеген жаштык-мастыктын доорун сүрүп жүргөн кезим...

Атабек жаңы үйлөнүп волга - 31ин айдап алып чалкалап көөп жүргөн, келинчегинин кош бойлуу кези, жолдо келе жатып бир келин кол көтөргөнүнөн эле токтотуп жанына салып алды. Көздөрү карагаттай, жүзү аппак чыныдай, кашы иймейип жаңы тууган айдай керилген, мурду кырдач сулуу келин экен.

- Кайда барасыз чоң кыз? - деди Атабек.

- Кош-Дөбөгө.

- Менин айылыма барат турбайсыңбы?

- Сиз Кош-Дөбөдөн болосузбу?

- Ооба, күйөөң барбы?

- Ажырашып жүрөбүз.

- Эмнеге?

- Күйөөм өтө кызганчаак.

- Кызганса боло турган экен.

- Бул эмне дегениңиз?

- Сулуулугуңузду айтам.

- Үйлөнгөнсүзбү?

- Ооба, жакында балалуу болобуз.

- Жакшы экен, мен төрөбөй жүрөм.

- Канча болду жашаганыңарга?

- Беш жыл.

- Эчтеке эмес, жаш экенсиз го? - Атабек келинди суктана карап койду.

- Кайненем сен төрөсөң эшектин эркеги дагы төрөйт деп урушуп күйөөм экөөбүздү уруштуруп жатпайбы.

- Кызык экен.

- Күйөөм ажырашалы десем болбой жатат.

- Сүйсө керек да.

- Ооба, сүйлөшүп үйлөнгөнбүз, бири-бирибизди сүйөбүз.

- Жакшы, өзүң кайдан болосуң?

- Өзүм деле Кош-Дөбөдөн болом, күйөөм менен ажырашканга ата-энем дагы каршы, мен күйөөдөн чыксам намысына доо кетет экен.

- Ал эски түшүнүк да.

- Ошо эски түшүнүктөр эзип бүтөт экен, мен келип калдым.

- Аа-а баса атыңызды да сурабапмын, менин атым Атабек, - деп Атабек колун сунду.

- Айжамал, - Келин дагы күлүмсүрөй колун берди, - Сизге рахмат.

- Эчтеке эмес, сиздей Айжамал келиндин керегине жараганыма кубанычтамын.

- Жакшы барыңыз.

- Сиз дагы, - Айжамал кылгыра карап түшүп кетти, ошол күнү Атабек үйүнө кеч келди, Айзаттын төрөөр кези жакындап калган, негедир оорлошуп кыймылы да начар, кайненеси ичтен аяп анча-мынча ишти өзү эле жасап койчу болгон, баласын көрүп кейип кепчип калды.

- Ай балам ай, аялың бүгүн-эртең төрөгөнү турса кайда жүрөсүң, Айзат аман-эсен эле көз жарып алса экен, баамымда бечара келин эгиз төрөйт, үйдө болсоң боло.

- Койчу апа, эгиз экенин кайдан билдиңиз? - Атабек күлүп койду.

- Кудай буйруса көрөсүң балам, келиним эгиз төрөйт.

- Аны кантип багат элек?

- Ок, антип айтчу эмес, кудай берем десе берет, ошону адам көтөрө албай кесир кылбаш керек уулум, наристелер өз ырыскысы менен төрөлөт.

- Мейли, төрөсүнчү анан көрөбүз.

- Ошентсең садага, берсең таштабайм, бербесең какшабайм, дейт.

- Апа-а! - деп ошол убакта ичкериден Айзаттын үнү чыкканда эне-бала үйдү көздөй жүгүрдү, Айзат чалкасынан жатып тура албай жаткан, кара тер кетип үнү алсыз, - Апа, жаным кыйналып жатат, апа-апа кантем? - деп ыйлап жаткан Айзатты Атабек көтөрүп алып сыртка жөнөдү, дароо эле волгага салып төрөтканага алып барып сыртта калышты, Сырга эне дагы көөнү тынбай кошо келген, эки-үч сааттан кийин Айзат чын эле эгиз төрөдү, бири уул, бири кыз экен, Сырга эне кубанганынан ыйлап кудайга жалынып жатты. Атабек андан бетер сүйүнүп жүрөт, жети күндөн кийин үйүнө чыгарып келишти, эгиздерине Апал, Үсөн деп ат коюшту, Айзаттын сиңдиси келип балдарын багышып жатты. Атабек совхоздо иштейт, бухгалтер болуп иштегенине эки жыл болгон, ал жумушуна келип волгасынан түшүп жатканда жанына Айжамал келди.

- Кандайсыңар?

- Оо Айжамал, сен кайдан?

- Сизди көрүп эле...

- Биерде жумушуң барбы?

- Жеңемдин балдарынын пособиясына келгенмин.

- Ким деген эле?

- Акылбекова Зыйнат.

- Аа-а, - Атабек конторду көздөй басты, Айжамал аны менен катарлаша кетип баратты, - Күйөөң менен жараштыңбы?

- Жок, келген экен кетирип жибердим.

- Сүйүүң муздап калган го?

- Ошондой, - Айжамал күлүп койду, - Мен ага төрөп бере албасам эмнеге анын жолун кармайм, ал дагы өз бактысын тапсын.

- Туура, - Атабек өз кабинетин ачып кирди, - Кир.

- Жок-жок, мен кассага барайын.

- Келди бекен?

- Келген чыгаар, - Айжамал бурулуп бара жатып кайра кайрылды, - Баса аялыңыз төрөдүбү?

- Ооба, эгиз балалуу болдук.

- Куттуктайм, - Келип колун сунду, - Боосу бек болсун.

- Рахмат, айтканың келсин.

- Мен барайын анда.

- Ишиң бүтсө кел, чайлашабыз.

- Макул, - деп Айжамал жылмая чыгып кетти, Атабек артынан карап башын чайкап: "Башкача жан экен, күйөөсү кандай бактылуу жан болду экен, төрөбөсө дагы өмүр бою жанымда алып жүрмөкмүн, кечигип жолуктук да, мурда жолукканда эмне, айла жок", - деп ойлонуп алды. Түшкө жетпей алар жолукту, ашканага кирип тамактанып отурушту.

- Айжамал, кел жолугушуп туралы.

- Кантип?

- Экөөбүз ушул жерден жолугабыз.

- Үйдөгүлөр билип калса...

- Билбегендей болобуз да, - Атабек келинди колунан кармалап өөп койду, - Макул дечи алтыным.

- Ойлоноюн, күйөөм билсе өлтүргөндөн кайра тартпайт.

- Билбейт, эгерде сезип калса токтотуп турабыз.

- Көрөм, мен ойлоноюн.

- Жарайт, дароо эле макул бол дебейм, али убакыт бар.

- Мен чынында күйөөмдү сүйөм Атабек, аргасыздан бир гана баланын айынан бөлүнүп жатабыз, - деп Айжамал улутунуп алды. Ал күнү экөө мейманкана жоктугунан улам ээн талаага барып машинанын ичинде түн бир оокумга чейин жатып кеч кайтышты, ал келгенде Айзат эки баласы менен алышып уктай элек болчу, балдары негедир бири ыйласа экинчиси кошо ыйлачу, эгерде кызынын ичи ооруп ысытмалап калса уулу да чырылдап колдон түшпөй ыйлай бере турган. Бүгүн кечтен бери Сырга эне, Гүлзат, Айзат үчөөлөп экөөнө ээ боло албай Атабекти күтүп жатышкан, кызуу келген күйөөсүн көргөн Айзат:

- Кайда жүрөсүң, балдардын ысытмасы көтөрүлүп кыйналып жатат, - деди үңүрөңдөп.

- Иштешкендердин туулган күнү болуп...

- Өзүң билесиң, жаш балдар менен бизди ойлосоң боло, бас эми, доктурга алып баралы, - деп балдарын ороп чулгап көтөрүп жөнөдү, ооруканага барганда уулунун өпкөсүнө суук тийгенин билип укол салды эле эс алып уктап калды, ал басылганда кызы да басылды, көрсө кызынын дени таза эле экен, врачтар текшерип көрүп таң калышты. Ооруканага экөөнү тең алып жатты, Айзат жанында, ата-энеси менен Сырга эне тынбай келип турушту, бир айлык наристелерди он-он беш күндөй дарылатып үйүнө чыгарып келди, ошол убакта Атабек Айжамалга жолуга албай күндөр өтүп жатты, Айжамал: "Алдамчы неме тура, балким мени сынагандыр, эркектер ушундай акмак калк да, шашпа сенин аялыңа кат жөнөтүп үй-бүлөөңдү бузбасам элеби, алдаган кандай экенин ошондо түшүнөсүң", - деп кекенип алды. Атабек ага жолугууга эки көзү төрт болуп жумушунан алагды болуп ашканага эки жолу барып келди. Айжамал дал ошол мүнөттө кат жазып алып анын үйүнө таштаганы келе жаткан, Атабек ага жолуга албай көңүлсүз үйүнө келсе Сырга эне аны ары жакка чакырды:

- Ай бала, чырактай балдарыңдын убалына калбасаңчы, өзүң жалгызсың балам, бизге арамдык жакпайт каралдым.

- Эмне болуп кетти апа?

- Мына бул катты оку, дагы менин колума тийди, Айзат менен Гүлзаттын колуна тийсе эмне болот эле, жалгызымдын үй-бүлөөсүнүн бузулганын мен каалабайм балам, - деп эне колундагы конвертти карматып үйгө кирип кетти. Атабек ачылган конверттин ичинен катты алып окуп кирди:

"Ардагым Атабек саламатсыңбы, ден-соолугуң жакшы, иштериң ийгиликтүүбү? Мен сени аябай сагындым, уулуң экөөбүз сени чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, барбай калганыңдан улам ооруп калдыбы деп кабатыр болдум, сен экөөбүз өткөргөн бактылуу күндөр, жылдыздуу асман, айлуу түндөр кантип эстен чыксын. Ошол рахаттуу түндөрдө пайда болгон уулуң сенсиз кантип өсөт, унутпа алтыным, биз сени күтөбүз", сени сүйгөн өзүң билген махабатың, жылдызың Айдай", - дегенди окуп алып Атабектин төбө чачы тик турду, катты колуна кармаган бойдон калтырап турганда терезеден карап Айзат көрө калып сыртка чыгып келе жатканда катты бүктөп чөнтөгүнө сала койду:

- Сага эмне болду, өңүң бузулуп кетиптир да?

- Ж-жөн эле...

- Колуңдагы кагаз эмне эле?

- Аа-а, ишимден кынтык тааптыр, эртең текшерүү келет экен, - деп жооп бере салды.

- Анын эмнесине ачууң келет, так болсоң болду да, башкаларчылап ичип жесең бир жөн, кир эми тамак даяр болуп калды, - Айзат кайра үйгө кирип кетти: "Бул ким өзү, менин үй-бүлөөмдү бузгусу келген бирөө болсо керек, кайдагы Айдай, кандайча бала, энеңди урайын, десе билип калсам атаңды таанытат элем", - деп ачуусун араң басып үйгө кирди, катты бекем катып алды: "Сөзсүз колун табам", - деген ойдо болду. Эртеси жумушуна барып эч нерсеге көңүлү келбей отурса кабинетке Айжамал баш бакты:

- Кандайсың?

- Жакшы кел.

- Көңүлсүзсүң го?

- Ооба, бир шуркуя үйгө бузуку салмак болуптур.

- Ким экен?

- Билсем атасын таанытат элем.

- Аялың угуп калдыбы?

- Жок, кат апамдын колуна тийип калыптыр.

- Жакшы болгон экен да.

- Ананчы, аялым билсе ызы-чуу болмок.

- Мен сенден кабатыр болдум.

- Балдар ооруп калып сага жолуга албадым.

- Жакшы болуп калдыбы?

- Түзүк, ойноп калышты.

- Ошондой болсун.

- Рахмат.

- Бүгүн жолуга алабызбы?

- Жок, көңүлүм ордунда эмес, бул каттын изине түшүп бетин ачпасам жаным жай алчудай эмес, калп жазганы үчүн сотко берем.

- Кандайча?

- Ошентип эле, бул калп үчүн жооп берет.

- Кызык, - Айжамал ойлонуп калды, - Мен анда кетейин, - Ордунан турду.

- Айжамал, сен мага капа болбо, бир аз өзүмө келип алайын, мына бул кат мени шок кылды, жалганды укканда адам жаман болот экен, бир-эки күндөн кийин келсең сүйлөшөбүз, - деп Атабек ордунан тура босогого чейин узатып койду. Өзү ары ойлонуп да, бери ойлонуп дагы Айдай деген ысымды тааныбаганын билди: "Акмак, аялдардан абийир кетип калган экен, эптеп менин үй-бүлөөмдү бузгусу келген тура", - деп ойлонуп кечке кыжаалат болуп үйүнө эрте келди. Эгиздери томолонуп күлүшүп калган, аларды алмак-салмак колуна алып эркелетип жатты.

- Айзат, уулум өзүмө, кызың сага окшош экен ээ?

- Койчу, экөө бири-биринен айырмасы жок, кантип окшоштуруп жатасың? - Айзат күлүп жанына келди, - Карасаң кайсынысы эркек, кайсынысы кыз экенин бөлө албайсың.

- Кызга кызыл кийим кийгизип кой да, - Атабек күлүп калды.

- Экөөнө чоңойгончо окшош кийгизген жакшы да.

- Алтындарым десе, атасынын эрмектери го? - Экөөнү алдына алып отуруп кубанып өпкүлөп жатты.

- Атабек, балдарыбыз бирдей ыйлашат, бири ооруса бир кошо ыйлап калат, киндиктеш экен, коркуп кетем.

- Эмнеге?

- Билбейм, бири ойгонгондо сөзсүз бири дагы ойгонуп алат.

- Киндиктеш болгону жакшы эмеспи, бири-бирине күйүмдүү болушат, атасынын жалгыздыгын билгизишпейт.

- Ошондой эле болсун, - деп Айзат жылмайып ойлуу күйөөсүнүн ийинине башын жөлөп бактылуу болуп турду, Атабек ушул кезде: "Мен жолумдан адашпай түз жүрүүм керек, балдарымды бактылуу кылып өстүрүүм керек. Аялымдын кадырына жетейин, башка келиндерге көз артпайм", - деген ойдо аялын чачынан кайрылып өөп койду, колунда эки баласы "бу-булап" күлүп жатат, ушул кез алардын эң бактылуу кези болчу. Сырга эненин жүрөгү түпөйүл болуп: "Курган балам ай, тынч жүрбөй кайдагы келинге илинип жүрөт, балаң бар дегеничи ботом, чын эле баласы дагы болсо ал атасыз нокотек өсөбү, аны алып келгенге дагы болбойт, кудаларым кадыр-барктуу немелер муну укса Айзатты биерге отургузбайт, деги эмнеси болсо дагы жалгызымдын очогу бузулбаса экен", - деп ойлоп оор дем ала үшкүрүнүп алды.

Атабек жумушунда иштеп жатты, Айжамал ошондон бир айга чейин келбеди, аны унутуп деле коймок, бирок Атабек кез-кез эстегенде жалжылдаган көздөрү элестеп жүрөгү тыз этип: "Эми кеч, мурда жолукканда колумдан чыгармак эмесмин, багымдан көрүүм керек, үй-бүлөөмдү сактап калуум керек", - деп оор күрсүнүп алат. Катты сейфке салып койгон, кээде айылдык элдин тизмелерин издеп Айдай дегенди издейт, бир жолу ал кызык абалга туш болду. Керимова Айдай дегенди көрүп: "Ушул болуп жүрбөсүн сураштырып көрүүм керек", - деп ойлонуп сельсоветке барды да андан сурады эле ал:

- Эмнеге сурап калдың? - деди күлө.

- Жөн эле, жашы канчада?

- Азыр көрөбүз, - деп Туратбек каттоо тизмелерин карап чыгып, Керимова Айдай Курмановна, бир миң тогуз жүз кырк сегизинчи жылы Кош-Дөбө айылында төрөлгөн, - деди күлүп.

- Аа-а, - Атабек жаагын сыйпалай туруп калды.

- Сен издеген неме эмеспи?

- Жок.

- Ким эле ал?

- Курсташым, - деп коюп чыгып кетти Атабек, Туратбек анын артынан башын чайкай карап унчукпай калды. Атабек андан кийин дагы сүрүштүрүп таба албады, Айдай деген окуучу, күйөөсү бар беш баланын апасын тапты, бирок аларга эмне демек: "Жетишет, эми издебейм, кайдагы бир атты эле жазып атайын эле кат таштаган тура, көрө албастардын бири окшойт, кызык мен кимге жамандык кылдым мынчалык", - деп ойлоно берчү болду.

Айжамал чынында ушул айылдан эле, күйөөдөн эбак эле ажырашкан, өзү көп жүрөт, сулуулугу менен эркектерди бат эле арбап алат, Атабектин бухгалтер экенин билген соң андан бир пайда болоорун билип жакындашкан болчу, учурда өзүнүн жүргөн жигит бар, анын дагы үй-бүлөөсү бар. Атабек үй-бүлөөсүнө ак жашамак болуп, бүт дитин балдары менен аялына буруп калганда капысынан Айжамал кабинетинде пайда болду.

- Кандай Атабек, тынчыңды алган жокмунбу?

- Жо-жок, кел Айжамал, - Атабек ордунан тура калды, Айжамал мындай мамилени жакшы билет, өзүн көргөн эркектер кайра тартпасын билген ал кылыктана келип Атабек менен өбүшө учурашты.

- Ишиң көп го? - Күлүмсүрөй карады.

- Анча эмес, өзүм дагы түштөнүүгө чыкканы турганмын.

- Үйүңө барасыңбы?

- Жок, ашканага барам.

- Аа-а, - Айжамал эки жагын карана туруп калды, - Беймаал убакта келип алганмын го?

- Жо-ок, жүрү сыртка чыгалы, - Атабек костюмун кийип кабинетинен чыга жөнөдү, - Бирге тамактаналы ээ?

- Эгерде сага тоскоолдук кылбасам.

- Ал эмне дегениң, андай болбойт, - Экөө ээрчише кабинеттен чыкканда алдынан кассир чыкты:

- Кетип жаттың беле?

- Ооба, кандай иш?

- Буга кол коюуң керек.

- Шашылышпы?

- Ооба, жумушчуларга аванс берилмек, ошого колуң керек.

- Анда жүрү, - Атабек кайра кабинетине кирди да кол коюп печатын коюп берди, - Болдубу?

- Иш убактысында кайда жөнөдүң? - Кассир Жумабек Айжамалды тиктеп бутунан башына чейин карап күлүмсүрөй өз жолуна түштү.

- Түш болуп калды, а сен эмне убакыттан артта калдыңбы?

- Директор бүгүн эки жүздөй жумушчуларга аванс тарат деп жатпайбы, ошого бошой турган эмесмин.

- Мейли, ишиңди кыла бер, - Атабек да күлүп коюп Айжамалды карады, - Иш ушундай, азыр сезон убактысында жумушчулардын айтканын кылбасак ишин таштап кете беришет, карапайым адамдарды акча-айлык менен кармабаса кыйын, - деди да контордон чыгып ашкананы көздөй ээрчитип бара жатышты.

- Экөөбүздү көргөндөр аялыңа айтып койбойбу? - Айжамал аны сынай кылгыра карады, - Кызганып жүрбөсүн?

- Аялым анчалык эле жаман аялдардан эмес, болбоско кызгана бербейт, акылы бар аял.

- Ырас элеби?

- Албетте, мени кызганганын көрө элекмин.

- Жакшы экен.

- Күйөөң эмне болду?

- Жүрөт, менден ажыраса өлөөрүн атып ыйлап кетти, - Айжамал кашкая калп айта салды.

- Ошенттиби?

- Ооба, атам дагы болду эми барбайт деп зорго кетирди.

- Үмүтүн үзгөн экен да.

- Ошондой.

- Кана, кандай тамакты каалайсың? - Атабек ашканага кирээри менен ага кайрылды.

- Чынымды айтсам мен ток элемин, сага шерик болуп эле келдим.

- Ошол кантип болсун, бир тамак танда, - деп ашкана ээсине кайрылды, - Бизге карап коюңузчу.

- Сиздерге эмне тамак берейин? - Сулуучумак улгайган аял экөөнө карады, - Бул жерде жазылган тамактардын баары бар, бизде өздөрү алышат, - деди.

- Жарайт, өзүм алам, - Атабек кичи пейилдик менен жооп бере жылмайып коюп, - Айжамал, сен орун ала бер, - деди. Алар көпкө тамактанып отурушту.

- Атабек, сен өзүңө ашык болгондорду байкабайт окшойсуң?

- Эми мага ашыктыктын кереги жок Айжамал, мындан аркы махабатым, сүйүүм кичинекей эгиздерим менен алардын апасына арналат.

- Туура айтасың, - Айжамал ызалуу ыңгайсыздана тамакты кашык менен аралаштырып отуруп калды.

- Сен али жашсың, андан көрө өзүңдү сүйгөн, өзүң сүйгөн адамды күтүшүң керек, менин үй-бүлөөм бузулбасын Айжамал, анын үстүнө эгиздер өтө назик болушат экен, арамдыктын зыяны тийеби деп корком.

- Капа болбо Атабек, мен сенин үй-бүлөөңдү бузайын деген оюм жок, бирок сени жактырып калганым күнөө эместир, кааласаң көзүңө көрүнбөй коеюн, кечир мени Атабек, - Айжамал ыйламсырай шыбырады.

- Жок-жок Айжамал, сен мени туура түшүн, үй-бүлөөмө зыяным тиеби деп корком, чынында сени өзүм деле... - Атабек келинди колунан кармалап ыңгайсыздана түштү, - Албетте сүйүү менен махабатты ыйык тутам, сыйлайм Айжамал, бирок биз кеч жолугуштук, өкүнүчтүүсү менин үй-бүлөөм...

- Сен өзүңдү кыйнай бербе, мен сени түшүнөм, унутууга аракеттенем.

- Кечир мени Айжамал.

- Сенде күнөө жок Атабек, мени кечирсең болгону.

- Жумуштан издеп калышпасын, отчет убагы да болуп калды, - деди Атабек өйдө болуп жөнөмөк болду.

- Убактыңды алганыма кечир.

- Сен эмне, тамактануу убагы да, эми сен жакшы бар алтышка.

- Качан жолугабыз? - Айжамал кылгыра карады, - Баягы түн эсимден чыкпай сени унуттураар эмес.

- Атасынын көрү, эртең дем алыш, жолукса жолугалы, - деп жиберди Атабек шыр эле, оозунан бул сөз кандай чыкканын сезбей да калды.

- Чынбы, алдаган жоксуңбу? - Айжамал ага жадырай карады...

- Албетте чын айттым, сөзсүз эртең, - деди да көзүн кысып жылмая конторду көздөй басып кетти Атабек, аял азыткы деген ырас белем, улам ыйламсырап, күнөөсүз жаш баладай мөлтүрөгөн көзүн жайнатып жатып ийге келтирип алганына кубанган Айжамал үйүнө жөнөдү, ал келгенде апасы жүн ийрип отурган эле:

- Кайда жүрөсүң кызым, атаң ачууланып жатат, - деди.

- Үйдө эле отура бермек белем апа, атам мага эмнеге ачууланат?

- Эл кеп кылат экен, күйөөсү жок келиндин артында сөз көп болот, элдин сөзү жаман, - Эне кейип алды.

- Кеп кылгыдай эмне кылып жүрүптүрмүн, ары-бери баспасам күйөөнү кайдан табам, ушинтип жүргүчө эрге тийип кетпесем жанымды койбойсуңар го? - деп Айжамал тултуңдай кирип кетти.

- Атаганат ай, ар бала ар кандай кыял менен төрөлөт экен да, башка балдарым көз карашыбыздан билип унчукпай калчу эле, деп эне кейип-кепчип алды. Атасы Айдарбек айылдагы белдүү, кадыр-барктуу адамдардан, парторг болуп иштеп жүрүп эс алууга чыккан, пенсионер, апасы билим берүүнүн отличниги, көп жыл бою райондогу билим берүү министрлигинде эмгектенген, оорукчан болуп калып эле үйдө отуруп калган. Жети баласынын баары орун-очок алып калышкан, Айжамалдан кичүү иниси үйлөнүп эки балалуу болуп калган, сиңдиси турмушта, Айжамал төрөбөгөнүн шылтоолоп ыйлап-сыктап алат дагы көп моюн бербейт. Апасы Сейил кейип отурганда Айдарбек келип калды:

- Кемпир, Айжамал келдиби?

- Ооба, үйгө кирди.

- Ии-йи, эртең үйгө киши келет, кызыңа куда түшөбүз дейт.

- Ким экен ботом, биз билген эмелерби?

- Ооба, Мааданбекти сен деле билесиң го, баласынын аялы кышында өлүп калыптыр, ошого сүйлөшөлү дейт, жаман адамдар эмес кемпир, кызың макул болсо тынып калчу жер.

- Ой, ал кызыңдын төрөбөсүн билеби?

- Үч баласы бар экен, ошолорду өз энесиндей бакса төрөбөгөнү билинбей деле калат, Айжамалдын өзүнөн калганы.

- Таң дагы жаңылып калбасак болгону.

- Кудай сактасын.

- Өзүң ойлонуп чеч...

- Айжамалдын бактысын ойлонуп жатамын, бала зоотехник экен, акыл-эстүү жигитке чыкса багы ачылып кетээр.

- Бирөөнүн баласына эне болуу ар аялдын колунан келе бербейт атасы, кызың макул болоор бекен?

- Айта, сен өзүң түшүндүр, аял кишинин бой жүргөнү болбойт, - деп Айдарбек ары көздөй басты, мунусу айттымбы болду дегени эле, Сейил ойлуу ийигин жанына коюп үшкүрүп алды, ананчы кандай эне болбосун кызыбы, баласыбы келечегинен кабатыр болот эмеспи, айрыкча кыз баланын турмуштан ажырап атанын төрүндө отурганы өтө кооптуу, жакшы-жаман сөз ээрчийт. Айжамал атасынын айтканын ичтен укту, ал Мааданбекти, анын баласы Мырзабекти да таанычу, аялынын өлгөнүн дагы уккан. Мырзабек бир көзү чалыр, бирок сулуу жигит, билим да бар, чынында иштегени иши да барктуу экенин билет, баары бир ага жакчу эмес: "Кызык, атам мени өзү билип бергени жаткан го, жо-ок мен ага окшуйтуп кантип тиймек элем, эч качан ага тийбейм, анан калса үч баласы болсо, аларды багам деп бат эле чачым агарат го", - деп ойлоп алды. Бирок сыртка чыгып оюндагысын айта албады, анткени атасына каршы чыга албайт эле, бир туугандары дагы үйдө атасы айтканда сөз кайтарышчу эмес...

Атабек ойлонуп отуруп дем алыш күнү үйүнөн бир шылтоону айтып чыкмак болду, Айзат үндөмөк эмес, Сырга эне баягы каттан кийин анын ар баскан кадамын сурап турчу болгон, жалгыз бала болуп өтө эрке деле болгону жок, апасы пенсиясын салып, бирин-экин жандыгын сатып жүрүп окутуп, окуусун бүтүп келгенден кийин машина алам дегенде уюн музоосу менен сатып ушул волганы алып берген, ошондо волга деген жаңы чыгып жаткан болчу. Эртеси эрте туруп балдары менен ойноп, тарбаңдаган наристелердин жытына мас болуп, күлкүсүнө маашырлана отуруп анан түшкө жакын Айзатка:

- Айзат, менин бир жумушум бар эле, апама айтып кой бат келем, - деди андан көзүн ала качып.

- Бара бер, апам эмне демек эле? - деп Айзат күлүп койду.

- Макул анда, мен кеттим, - деп шашыла үйдөн чыгып кетти, ошол күнү Айжамалга куда түшүп келип ал чыга албай калды, күтүп-күтүп анан кайра үйүнө келди, арадан эки-үч сааттай өтүп кеткен болчу. Үч-төрт күн өткөндөн кийин Атабектин кабинетин он-он бир жаштардагы бала кирди.

- Саламатсызбы? - деди мурдун эдиреңдете.

- Саламат, кел жигит, кандай жумуш?

- Сизге Айжамал эже кат берди эле, - деди да конвертке салынган катты алдына койду.

- Рахмат.

- Мен кеттим.

- Токтой тур жигит атың ким?

- Элмирбек.

- Жакшы, мына муну алып конфет алып же, - деп беш сом сунду.

- Кереги жок, - Элмирбек тарткынчыктай карады.

- Жо-ок, албасаң таарынып калам, - деп туруп келип чөнтөгүнө салды да кабинеттен чыгарды, - жеткирген аманатыңа рахмат.

- Сизге дагы рахмат, жакшы калыңыз, - деп күлүп коюп жөнөп кетти Элмирбек. Атабек катты ачып окуп баштады: "Атабек, мени кечир, эгерде кечээ күнү күткөн болсоң бара албаганым үчүн кечирим сурайм, мени ата-энем күйөөгө бергени жатат, менин каалаган, каалабаганымды ойлоп да коюшпайт, бой аялдын жүрүшү өөн көрүнөт экен, эгерде менде көңүлүң болсо бүгүн түнү бул даректе бол, мен сени күтөм, балким бул жолугушуубуз акыркысы болушу мүмкүн, мен сени сүйөм, сөзсүз күтөм", - деп Айжамалдын жазган катын окуп отуруп кол жазма көзүнө тааныштай сезилди. Дароо сейфте турган баягы катты алып караса дал келип калды: "Ушундай экен да, акмак аял десе, өзүнүн гана максатын ишке ашыргысы келген тура, үй-бүлөөм мунун айынан бузулуп калуудан аз калды, сени шашпа", - деп ойлонуп жини келип алды. Түштөн кийин кийимин алмаштырып алып үйдөн чыкканы жатканда:

- Кайда барасың уулум? - деди Сырга эне.

- Апа, бирге иштеген бирөөнүн элүү жаш маарекеси болот эле, барбасам болбойт го, - деп көзүн ала качты.

- Андай болсо барып эрте кел балам.

- Элден мурун кетем десем эмне дешет апа?

- Сенин аялың жаш балдар менен отурат, ушуну унутта калтырба, жүйөөлүү себепке ким каршы болмок эле.

- Макул, эрте чыгууга аракет кылам, - деп чыгып кетти, аны Айжамал чыдамсыздык менен күтүп отурган, ал үйдө экөөнөн бөлөк башка жан жок экен, экөө кучакташып көпкө өбүшүп турушкан соң:

- Мен сени убара кылбадымбы? - деди Айжамал наздуу жылмайып.

- Жо-ок, а бул үйдүн ээси ким?

- Коркпо, бул таежемдин баласынын үйү, өздөрү жайлоодо, ачкычын бизге таштаган, карап тургула деп.

- Жакшы экен.

- Демек экөөбүз гана.

- Күйөө бала кандай экен? - деп Атабек сынай карады.

- Көңүлгө жакпайт, тигил айылдык зоотехник, аты Мырзабек.

- Рахмат, бирок бул куттуктоо бекер кеп.

- Эмнеге?

- Мен ага тийбейм, кээ бир аялдарча куулук кыла албайм.

- Ал кандай куулук экен?

- Мисалы, Айжамал Атабектен бошонуп кербездене ары басып бой мүчөсүн базарга салып жаткандай сүлкүлдөй бери карады, - Кээ бир аялдар куник, өздөрүнө жакпаган эркектерге тийип алышат да күндүзү кул, түндөсү эр кылып, каалагандай басып туруп жашап жүрө беришет, - Атабектин маңдайына келип көздөрүнө тигилди, - Аларда адам сымал жүрөгү жок, сүйүү дегенди билбейт, тиги куник эринен ала албаган рахатты башкадан алып байкуш күйөөсүн үйүндөгү үй кайтарган дөбөттөй көрүп кээде өзүн ага арнап коюп көңүлүн алып өмүр өткөрө беришет, - деди да терс бурулду, - Ал эми мен андайлардан эмесмин, менин күйөөм кучагында жаткан мени сүйүп кучактап, сүйүп өөп жатсын! - Каткырып ийди.

- Сен аны кайдан билесиң?

- Көп көрдүм андай аялдарды.

- Кызык экен.

- Ооба, жашоонун өзү кызык, - Айжамал Атабекти колунан жетелеп алып тамак ичкен үстөлдүн жанына алып келип отургузду да мурдатан даярдап койгон тамагы менен арагын алып келди, - Бүгүнкү бир түнүңдү мага арнаганга макулсуңбу жаным? - Күлө карап жаагына жаагын тийгизе өөп койду, - Жаман менен өмүр бою жашаганча жакшы менен болгон бир түн артык дечү беле?

- Ошондой деп укканмын.

- Кел эми, мындан алып коелу, сенин үй-бүлөөң, ден-соолугуң үчүн! - Кылгыра жылмайып көзүн кысып оозун чормойтуп койду, ушул көрүнүш жигиттин ички ачуусунун баарын басып кетти, ууздай аппак денеси менен жүзү ага жомоктогу периштедей көрүнүп кетти.

- Жарайт, баарыбыз үчүн алып жиберели.

- Алдык анда, - Стакандары кагылышып, шыңгыр эткен үндөр бөлмөгө башкача аваз киргизгенсиди, бир топко чейин отурган соң Айжамал аны жетелеп ички бөлмөдөгү атайын даярдалган аппак шейшептүү төшөккө алып барды, экөө ооналактап көпкө чейин бири-бирине рахат тартуулап анан чалкасынан түшүп жатып калышты. Атабек чөнтөгүндөгү эки катты тең акырын алып жаздыктын алдына коюп кайрадан ишке киришкенде эшик такылдап калды.

- Ким? - деп Атабек Айжамалга суроолуу тигилди.

- Билбейм, бөлөм келип калса уят, сен бул жакка жашынып тур, - деп Атабекти кийимин көтөрө аркы бөлмөгө киргизип ийди, эшиктен эркектин үнү угулду.

- Мен сенин ушунда күтүп жатканыңды билгенмин сулуум,, - Өпкөндөй дабыш угулду.

- Сен эмнеге келдиң, мен жакында ата-энем күйөөгө бермек болгонунан таарынып качып баса бергенмин, - Айжамалдын үнү акырын чыкты, - Кетип калчы суранам, азыр акемдер келип калышы мүмкүн.

- Койчу эми, дайым эле ушул үйдөн жолугушуп жүрөбүз го? - Атабек эркектин үнүн тааныгандай болуп кулак түрүп калды, - Же башка бирөө барбы?

- Жок, сенин үй-бүлөөң турса менде ким бар экенин эмне кыласың, мен эркин аялмын, кыскасы эркин кушмун! - Айжамал аны түртүп чыгармак болду.

- Ээй жалап, ушу сенин бирөөң бар го, менин башымды айлантып сенден башканы карабайм дегениң кана ыя? - деп Айжамалды түртүп ийип ичкери кирип үстөл үстүндөгү бөтөлкөнү эки киши ичкен идиш менен тамактарды көрүп, - Шуркуя десе, сен мени алдап кана жүргөн экенсиң да, азыр экөөңөрдү тең өлтүрөм! - деп уктачу бөлмөгө жүгүрүп кирип төшөктүн уйпаланып калганын көрүп Айжамалды жаакка чаап жиберди. Атабек кийинип алган эле, эркекти тааныды, экинчи фермада отдел кадр болуп иштеген Шермат экенин даана билди, - Эй жалап ай сайын козу-кой сойдуруп үйүңө таштатам, колуңа акчаны берем, менин сыйым ушулбу ыя?!

- Шеке, ачууланбачы эми, бүгүн үйүңө бар, кызуу экенсиң, эртең сүйлөшөлү, - Айжамал жалдырай акырын үн катты, - Суранам,, менин ойлонуума каршы болбочу, ата-энем тапкан күйөөнү жактырбай кыйналып жатам, түшүнчү мени.

- Эн-неңди шуркуя! - деп коюп эшикке чыгып кетээри менен Айжамал эшикти бекитип алып "өх" деп алды. Атабек ушул учурда андан жийиркенип турду: "Сулуунуку кургабайт деген чын тура, мунусун билгенде изин басмак эмесмин", - деп отура берди, бир топтон кийин гана өзүн алаксытып болуп Айжамал келди:

- Кечирип кой, мындай болоорун билбей калдым.

- Эчтеке эмес, сен өз дооруңду сүрө бер да, - Атабек ага мыскылдагандай карады, - Сулууну кимдер сүйбөйт, кимдер эңсебейт, бирок карап отурсаң алардын деле "бир жери" башкалардан айырмасы жок болот тура.

- Муну менен эмнени айткың келет? - Айжамал ызалана карады.

- Өң-түсү айырмаланбаса башкасы окшош дегеним да.

- Мейли, кандай айтсаң андай айт, мен сенин алдыңда өтө уят болдум, кел отуруп чай ичели, адегенде жуунуп алалы.

- Жок, мен эчтеке ичпейм, - деген Атабек катты жаздыктын алдынан алып чыкты, - Айжамал, өзүңө, турпатыңа карап туруп сенин колуңдан бузукулук келээрин эч ким ойлобойт, мындан кийин эч качан бирөөлөргө мындай кылбай жүр! - деди да катты халатынын чөнтөгүнө кыстарып үйдөн чыгып кетти. Айжамал каттарды кармаган бойдон селдээ туруп калды: "Мен чын эле акылсыз экенмин, эмнеге минтип кат жаздым, колун текшерем дегенин деле уктум эле, кийинки катты башкага жаздырсам болмок экен, ата-энем менин минтип жүргөнүмдү билсе өлгөн баланын бири деп катардан чыгарып таштамак", - деп ойлонуп уялып калды. Бирок ал ошону менен токтоп калаарын же кайрадан Атабекке асылаарын көрө жатаарбыз, эртеси ал өзүнө атасы тапкан Мырзабек менен жолугушуп отурду:

- Айжамал, сенин көңүлүң бар же жогун билгим келет, - деди Мырзабек аны жалтаңдай карап, - Сен макул болуп балдарыма эне болуп берсең айтканыңдан чыкпайын.

- Мырзабек, менин күйөөдөн эмнеге чыкканымды билесиң да, төрөбөгөн аялдын бөлөк-бөтөн балага эне боло аларын сен кайдан билесиң?

- Жок Айжамал, сенин мүнөзүң өзүңө жараша жумшак, ак ниетсиң, аялдын жүрөгү назик болот, сен татыктуу эне болосуң деп ойлойм, - деди аста колунан кармалап.

- Жаңыласың, мен өзүм балдарды сүйө албайм, бала кезимден балалуу болууну каалачу эмесмин, сулуулугумду сүйүп жашайт деп ойлоочумун, чынында андай эмес экен, бала жок болсо сулуулугуң эчтекеге арзыбасын сездим, - деп Айжамал бир жолукканда эле Мырзабектин үмүтүн үзүп коюуну чечти оюнда.

- Койчу, ошондой деп ойлончу белең? - Мырзабек ага таңгала карап калды, - Чынымды айтсам мен сени менен балалуу болбосок деле жашамакмын.

- Азыр сенин көөнүң ток, балдарың бар ошондуктан ушинтип айтып жатасың, - деп көңүлсүз үн катты, - Эгерде балдарың болбосо минтип айтпайт элең...

- Жок-жок Айжамал, мен сени бир көргөнүмдө сүйүп калдым.

- Сүйүүнү да сыйлайлы Мырзабек, сүйүү башка, экөөбүздүн ортобузда андай сезим болуусу мүмкүн эмес.

- Сен анда менин сүйүүмдү кабыл албайт экенсиң да.

- Мырзабек, сен мени түшүнгөн жоксуң, биз эми жаш эмеспиз да, отузга чыгып калдым мен, эми бизде кайдагы сүйүү, андан көрө сен жөн гана ылайыктуу жар издеп жүргөнүңдү айт да, - Айжамал күлүп калды, - Бул сүйүү эмес, жашоо үчүн гана кам көрүү, азыр сага дагы кыйын, келинчегиңден ажыраганыңа жыл толо элек.

- Аның туура, бирок менин сени көрүп эле ашык болгонум чын.

- Ооба, көп эркектер ошентип айтышат, сулуу аялдын душманы өңү дегени чын экен, - Айжамал улутунуп алды, - Чынында мен сүйүүгө ишенбей да калдым.

- Мейли эми, сүйөм дебейм, жактырдым деп айтпайын, бирок өмүрлүк жар болууга макулсуңбу?

- Ойлоноюн, дароо эле айтуу кыйын...

- Макул ойлонуп көр.

- Сен шашылба, экөөбүз тең бири-бирибизди байкайлы ээ?

- Сен айткандай эле болсун.

- Рахмат, мени түшүнгөнүңө, эмесе кайталы.

- Жакшы тур Айжамал, сенин жообуңду угуу мен үчүн чоң бакыт, албетте "ооба" десең, - Мырзабек Айжамалдын колун бекем кысып жолуна түштү. Айжамал аны узата карап туруп: "Байкуш десе сүйөт имиш, дегеле мунун оюн кара, сүйөм деп койсо эле шак этип кучагына кулайт деген го, өзүн ким деп ойлоп жүрөт бул, аялы кандай неме болду экен, өзүнүн теңи болсо керек", - деп мыскылдай жылмайып алды. Ал аны теңине албай жүрүп кандайча койнуңа киргенин билбей акыры бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуп, бирин каматып өзү аяксыз айылдан качып кетээрин азыр ойлогон жок. Бул жашоодо адамдардын тагдыр жолун адамдар себепкер болуп бактысыздык алып келээри бышык эмеспи. Атабек үйүнө келгенде Айзат уктап жаткан экен, дабыш чыгарбай жатып алды, ичинен өзүнө-өзү жини келип жатты: "Мен жеңил ойлуу эркек окшойм, татынакай келинчегим, чырактай балдарым турса эмнеге ага барам, Айзатымдан анын эмнеси артык, ар кимден калган аялга ашыкканымды кара", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртең менен эгиздеринин ыйлаганына ойгонуп кетип караса Айзат экөөнө ээ боло албай жатыптыр.

- Гүлзат уктап жатабы? - деп башын көтөрдү.

- Ал дагы жаш, уктасын байкуш, күнү-түнү каралашып жанымда жүрөт, сабактан дагы калып калчу болду.

- Мейли, - деп туруп кызын алып көтөрүп сооротуп кирди.

- Кеч келдиңби?

- Ооба, ойготпоюн деп жатып калдым.

- жакшы өттүбү? - Айзаттын суроосуна ал "ык" дей түштү.

- Эмне дейсиң?

- Маараке кандай өттү дейм.

- Аа-а, жакшы өттү, абдан жакшы өттү, - Апалды көтөргөн бойдон сыртты көздөй чыга качты: "Унутуп калганымды карачы, айтканым эсимде жок, сөздөн кармалган жаман тура", - деп эшикке чыкканда сырга аны көрүп:

- Балам бала эртең мененки суукка чыйрыгып калбасын, жаш бала учуп бараткан куштун көлөкөсүнөн үшүйт имиш, - деди.

- Кантип эле?

- Ошентет балам.

- Эски кишилер кызык элесиңер да, - Атабек күлүп үйгө кирди.

- Эскинин сөзү силерге сабак балам, азыркылардан ыйман кетип бара жатат, ата-бабанын ар бир сөзүнө көңүл буруп, талдап көрсөңөр баары акыл-насаат иретинде айтылган.

- Мейли-мейли апа, сизге кантип ишенбейин апакем, менин бул дүйнөдө сизден башка адамым жок, ишенээрим таянаарым сиз гана, - Атабек үйгө кирип кызын жаткырып уулун алды, - Апа, ушулардын үй-бүлөлүү болгонун көр, чөбүрөлөрүңдү жыттап аман жүрчү.

- Мени кой балам, жалгыз жаныңа кудай жар болсун, - деп эне өз ичинен ушул бактысына ыраазы боло небересин алдына алып отуруп калды, Айзат аңгыча тамакты чай менен алып келди.

- Апа, баланы жаткырып коюп тынчыраак тамактанып алыңыз, - деп баланы алып ички бөлмөгө алып кирип жаткырып кайра чыкты, ушул кезде бул үй-бүлөөдөн өткөн бактылуу жан жок эле, адам баласы алды жагында эмнелер болуп кетээрин билбегендей эле булар дагы ушул бактыларына ыраазы эле, Айзат Атабектин өзүнөн башка аялга барып жүргөнүн билбейт, ал жөнүндө сезбейт дагы. Анын тилеги эгиздеринин ден-соолугу чың, өмүрү узун болушун каалап кудайдан суранат, бактылуу сезет өзүн. Сырга эне гана өз дилинде уулуна келген катты унута албай: "Качан балаңды багып ал деп алып келип калаар экен, Айзат аны көрсө эки баланы алып басып кетсе кантем, кудай сактай көр, бөөдө жалгызымдын уясы бузулбаса экен", - деп күдүк ойдо. Арадан дагы бир ай өткөндө Айжамал анын кабинетине баягы эле Элмирбекти кат берип жөнөттү, Атабек көңүлсүз катты алды да балага дагы беш сом берип жөнөтүп ийди да: "Бул аял деги менден эмнени күтүп жүрөт, жетишээрлик эле айтпадым беле, акыл эси ордундабы", - деп ыргылжың болуп туруп катты ачып окуп кирди: "Атабек, сен мен жек көрүп калганыңды билем, мени кечир, сени катуу сүйгөнүмдөн ар кандайга барууга туура келди. Мен бир бактысыз аялмын билсең, кең ааламда бир жолу жаралып, өз теңимди тапсам бала көрбөй армандуу дүйнөдө жашап жатам. Неге деп күнү-түнү суроо бергеним менен ага жооп табылбай кыйналам, сен айткандай биз кеч жолугушуп калдык, аттиң бир айылда туруп бири-бирибизди көрбөй экөөбүздү тагдыр өзү сынап кеч жолуктурду... Өкүнгөндө сен да мага боор оорубасыңды билем, кандай болсо дагы койнуңда алган жарың кучагыңда балдарың, иштеген ишиң бар, бактылуу адамсың, кут болсун. Менин бул катым сени бир көрөйүн деген максатым эмес, коштошконум болсун, көп жаша Атабек, аман жүр, сенин амандыгың менин бактым, сени сүйгөн Айжамал! 1982-жыл". Муну окуп көрүп ичи ачышты: "Байкуш, күйөөгө тиет экен да, бактылуу бол эми, тагдыр деген ушул экен, бирөө-бирөөнө ашык болот, жетсе бактысыз болуп ажырашып кетет, жетпесе өмүр бою арман кылып өтө берет, жашоо мыйзамын өзгөртүүгө болбойт эмеспи", - деп кайра боору ооруп турду. Ошол учурда бирге иштеген мал доктур кирди:

- Ас-салоому алейкум бай.

- Алеким Салам, кел Нурбай.

- Келдим, иш кандай?

- Буйруса ойдогудай, шефтин көзү түз болсо.

- Туура, - Экөө каткырып алышты, - Баса шефтин бир көрөөр көзү бар деп уктум, сен билесиңби? - Нурбай акырын айтты.

- Уккан эмесмин, ошондой бекен?

- Коллегалардын сөзү эле ошол болуп калыптыр го.

- Чын элеби, ал ким болду экен? - Атабек кызыга сурады.

- Жаш кыз экен, абдан сулуу имиш, ата-энеси жок жарды имиш, каралашып жаткан имиш.

- Анда дагы жан бар да, аялынын Майлы - Сайда жатканына үч жыл болуптур, айыкпаса керек.

- Кыскасы жакында ага үйлөнөт имиш.

- Койчу, өзү директор болсо, закондуу аялынан ажырашпай туруп үйлөнсө партиядан чыгарып, иштен алат да.

- Ой ишенгени бар чыгаар, болбосо мындай кадамга бармак эмес, - деди Нурбай, - Балким кайын журту макул болгондур.

- Ким билсин, жогору жакта тирөөчү бар деп укканмын.

- Эмнеси болсо да өз ордубузда калсак болду, жаңы адистер келет имиш, кызмат орундарды ооштурат деп угуп калдым.

- Анда кандай болоор экен? - Атабек ойлонуп калды.

- Озунуп шефти колго алсак кантет Атабек.

- Эмне кылуу керек?

- Тартуу, белек-бечкек...

- Тартуу болгондо...

- Мисалы мен бир бышты тартуу кылсамбы дейм.

- Мунуң туура, эмесе мен дагы бир тай тартуу кылайын, - деп экөө кеңешип отурганда Мырзабек кирди:

- Ас-салоому Алейкум? - Экөөнө кол берип учурашты.

- Келиңиз, кандай кызмат?

- Мен үчүнчү ферманын зоотехниги Алтаев Мырзабекмин, шефтин ордунда жогунан кире калдым эле, анан дагы айлык акымды сүрүштүрсөм дегенмин.

- Жарайт, карап көрөлү, - Атабек кагаздарын карап кирди.

- Эртең үйлөнмөкмүн акча дагы керек эле, аванс сурайын деген элем үкө, - Мырзабек ыңгайсыздана отуруп калды. Көпкө карап көрүп Атабек ага кайрылды.

- Сиздин иштегениңизге аз эле болуптур, айлык акыңызды бере алабыз, аванс эмес.

- Рахмат, ырас болбодубу, - Кубангандай обдулуп токтоду Мырзабек, - Абдан керек болуп жатты эле.

- Мурда каерде иштегенсиз?

- Терек-Сууда, өкмөт менен партиянын жөнөткөн жагында жүрөбүз да иним.

- Туура айтасыз, азыр кассир кете элек алып алсаңыз болот.

- Жарайт, - Мырзабек туруп бара жатып кайра токтоду, - Баса, эми бирге иштеше турган болуп калдык, бүрсүгүнү чогуу эле тойго келгиле.

- Рахмат, барбай анан барабыз, - деди Атабек күлүп.

- Сөзсүз баргыла, өзүм дагы келем го, - деди да чыгып кетти.

- Эми үйлөнгөнү жатканына караганда карт бойдоктон окшойт, - деп күлдү Нурбай Атабекти карай.

- Деген менен дурус жигит көрүнөт.

- Да-а, дурус эле жигит го, - Алар сүйлөшүп отурганда секретарь кыз Алиман акырын баш бакты.

- Сиздерди Акималиевич кирсин деп жатат.

- Качан келди?

- Азыр эле, жогортон текшерүү келе жаткан имиш.

- Мына кызык, жүрү угалычы, - Атабек менен Нурбай ээрчише директордун кабинетине кирсе үч ферманын адистери бүт келип калышыптыр. Экөө кирээр менен:

- Ко-ош, силерди мында чогултканымдын негизги себеби бул, - деди Турсун Акималиевич баарын сыдыра карап, - Кимде ким өз иштерин так болбосо жумуштан алынат, бизге жаңы кадрларды жөнөтүп жатышат, эсепчилер менен кассир так иштеп жатасыңарбы?

- Баары жакшы таксыр.

- Эмесе малдын чобурларын, өлгөнүн тактагыла, жогортон текшерүү келет экен, бир жумада өз-өз отчетуңарды алып келгиле.

- Жарайт.

- Жарайт таксыр, - дешип дуу этишти отургандар, алардын ар биринин өз-өзүнчө иштери, кемчиликтери да бар.

- Эмесе бошсуңар, - деди эле жапырт туруп сыртка чыгышты, Нурбай менен Атабек өздөрүнчө калып калышты.

- Мен бүгүн жеткиртем, эртең сен жеткир, озунбасак болбойт, - деди Нурбай акырын сүйлөп, балким бизден мурун озунгандар бар чыгар досум.

- Балким, андай болушу да мүмкүн.

- Тездетишибиз керек.

- Болду сүйлөштүк досум, - Экөө сыртка чыгып эки жакка кетишти, Атабек үйүнө келип эле үй кийимин кийинип алып тагасынын үйүн көздөй жөнөдү, анткени бирин-экин малын жайы-кышы эле Үмөтаалы тагасы багып берчү. Айткандай эле Турсун Акималиевичтин үйүнө тынымсыз тартуулап келип жатты, ошол жылы жаш адистерди жумушка орноштуруу күчөп турган эле, бирок Турсун Акималиевич районго, областка түндөп чалып жаштардан бир же экини гана жиберишин суранып тактап койду. Себеби көздөрүн жалдыратып тартуусун тартуулап келип жаткан адистерин кыя албады. Текшерүү да келди, жаш адистерден экөө келип аларды үйрөнгөнчө жардамчы кылып орноштурду. Арадан көп өтпөй эле Турсун Акималиевич орун басарын таштап эс алууга чыгып ошол айылдык жаңы эле мектепти бүткөн Наргиза деген Айып деген адамдын кызын шаарга үйүнө алып кетти. Өзү кырк экиде болсо дагы кара мурут сулуу жигит, Наргизанын ата-энесине бүт баарын берди, эшигине жылкы баш болуп короосуна кой менен уйлар байланып калды, бирок партиянын күчү ал кезде кыйын болгон эмеспи, аларды кайра койчуларга табыштап бактырып койду, бир ай дегенде директордун келе жатканын угушуп дүрбөлөң түшүп калышты, жашаган үйүн актап тазалап, жасалгалап жатышты. Келинге гүл даярдап үй-үйлөрдөн гүл топтоп жатканда эки машина келип калды, тозуп алышып биринен бири өтүп учурашып, колуктуга гүл карматып директорун куттуктап жатышты. Ошентип Турсун Акималиевич үйлөнүп дагы куттуктоолорго батып жатып калбай иш күнү келип калгандыктан жумушка чыкты. Көп өтпөй эле анын үстүнөн арыз түшүп, бирок Наргизадан көрсөтмө алышып, кайын-журту уруксат бергендиги далилденип кайрадан өз ордунда иштей баштады. Наргиза чынында Турсундан жыйырма беш жаш кичүү болчу, мектептен олимпиадага барганда аны колдоп, каражат жагынан дагы ич арадан жардам берип жүрүп кыз жүрөгүн багындырып алган эле. Аялы ооруп калып айыкпасына көзү жеткен ата-энеси дагы күйөө баласына уруксат берген болчу, ортосунда бир кызы бар, мединститутта окуйт. Айып менен Гүлсара кубанып эле калышты, кызына ыраазы, эл деген эл да ушак кылып эле жатып калышты.

- Ай ушу Наргиза директорго алданып калып эле аргасыз тийген имиш го? - деди жакын кошунасы Рапия узун кулак.- Ким билет, бечара кыз ата-энесинин акыбалын ойлогон окшойт, эми тим эле чалкалап эле калышпадыбы ботом.

- Ай ушу кыздын бир балээси бар да, болбосо артынан мен деген жигиттер жүгүрүп жүрсө кызматына кызыгып тие качканын карасаң, - деп Рапия өзүнчө эле күйүгүп жатты.

- Ага биздин эмнебиз кетип жатат, багына жазганын көрөт да байкуш.

- Ким билет, муну дагы жинди кылып коюп башкасын алып алсачы, мурунку аялын бирөөнү сүйүп калып эле жиндиканага таштап коюптур деп укканмын, чиренген кыйын имиш, кылдан камыр сууругандай эле сууруп алат имиш.

- Эмне болсо ошол болсунчу, директорго тийише турга алым жок, эт жебесем таш жейин, жап кайнага этегиң дегендей, - Бурул анын сөзүн уккусу келбей ары басты.

- Корко турган менин эмнеси бар, кызматым болбосо, кошомат кылгандар кыла койсун, директор болсо өзүнө, - деп Рапия дагы өз үйүн көздөй басты. Бирок эл ичинде буга окшогон сөздөр көпкө чейин айтылып барып тынчып калды. Кийинчерээк Турсундун ата-энеси келип кетишти, ошондо үч миң сом калың бергендер чанда болчу, кийит-кече менен үч миң сом алып келгенде дагы бир дуу этип тим болушту, айыпты кампачы кылып койду, кыскасы Наргиза өзүнүн тагдырын эл айткандай эле үй-бүлөөсү үчүн курмандыкка чалдыбы же өзү кааладыбы анысы туңгуюк бойдон калды. Атабектин аялы Айзат менен Айыптын жакын туугандык жайы бар эле, аларга ого бетер жакын болуп катышып калышты. Атабек балдарын карап, иши менен алек болуп арадан билинбей эки жыл өтүп кетти, ал арада Айзат дагы бир уул төрөдү, Апал менен Үсөнү сүйлөп тили таттуу кези, кичүү уулу алты айлык болуп калган, райондук кеңешке барып семинарга катышып келе жатып аялдамадан Айжамалды көрүп калды, колунда бала көтөрүп алганын көрүп кайра артка машинасын жылдырып келди, катуу бара жатып өтүп кеткен эле.

- Айжамал кандайсың? - деди унаадан башын чыгарып.

- Оой жакшы-жакшы, кайдан? - Эңкейип учурашты.

- Кайда, айылга барасыңбы?

- Ооба.

- Отур кеттик, үшүп кеттиңер го?

- Ооба, балам үшүдү, - Айжамал дароо эле алдыңкы орунга отурду, - Кандай бала-чака чоңоюп жатабы?

- Жакшы, баары жайында, - Атабек анын колундагы баланы карап, - Уулбу, кызбы? - деди.

- Уул, - Айжамал уулун карап күлүп койду, - Аты Атабек.

- Койчу, ким койду эле?

- Кайнатам койду, илгери Атабек деген кыйын жигит болгон имиш, ал кайнатамдардын чоң аталарынан болуптур.

- Жакшы-жакшы, - Атабек наристени жал-жал карай берди, же бирөөгө окшоштурганы белгисиз, жүрөгүнө жакын сезилип кайра эле көзү наристеге түшөт, - Жакшы болуптур, бекерден эле арман кылып жүрүпсүң, кудай берген экен го?

- Ооба, баары үчүн сага рахмат айтуум керек, өзүм да бир жолуксам деп жүргөнмүн, - дегенде Атабек Айжамалды жалт карады.

- Эмнеге?

- Анткени сенин мага берген чоң белегиң ушул болду.

- Эмне?! - Атабек тормозду катуу басып, волга жол жээгине кы-ыйч этип токтоду, - Эмне дедиң?

- Атабек, бул сырды мен башка эч кимге айтпайм...

- Ошондо да... Бул чынбы? - Атабек бир жаштан өтүп калган сүйкүмдүү наристени бир, Айжамалды бир карап желкесин кашылады, - Мунуң кызык болду го?

- Сенин мага кылган жакшылыгың, дүйнөдө баасы жок белегиңдин бири ушул, Мырзабек Атабекти аябай жакшы көрөт, өз балам деп сезет, бул жалгыз өзүм менен кетчү сыр эле, бирок мен баары бир сага жолуксам эле айтмак болуп жүргөнмүн.

- Кандайча билдиң аныкы эмес экенин? - Атабек ишенкиребей карап калды.

- Мырзабекке барганымдан он күн өтпөй эле кускум келип, тамакка табитим тартпай калды, ооруп жатам деп жатып алам, бир күнү апам келгенинен ага айтсам: "Кудай айланайын, берээрин унутпасын деген ушул да, кызым догдурга көрсөтөйүн", - деп апам кубанып кетти, эмнеге анткенине түшүнбөсөм дагы кайненеме айтып врачка бардык, ал жерден эки айлык боюңда бар дегенде ишенип-ишенбей туруп калдым. Бирок апам мага акылын айтты: "Боюңда бар экенин билсе жаман көрөт, сени алып эле кетейин, үйдөн талгагың тараганда келесиң, болбосо эптеп туруп алсаң болду, Мырзабек жашагысы келсе өзү барат", - деди да кайненеме айтып үйгө алып кетти, он-он беш күндөй жүргөн соң куспай калдым, анан Мырзабек келип алып кетти, ошондо сенин эгиздериңден бир жарым жаш кичүү болот, - деп күлүмсүрөп уулун чоп эттирип өөп койду.

- Ишенбей турам, балким Шермат...

- Жок-жок Атабек, наристемди андай-мындай дегим келбейт, башкысы мен эне болдум, бактылуумун Атабек.

- Кызык, - деген Атабек унаасын ордунан жылдырып жатып наристеге имериле карады: "Ырас эле Үсөндүн өзү, абдан окшош болуп калганын кара, кызык мен эми өз канымдан жаралган баламдын башка бирөөнүн колунда өсүп жатканын билип туруп кантип чыдайм, башка чарам да жок", - деп ойлонуп келе берди.

- Атабек, мен камтама болбо, бул сыр экөөбүздүн ортобузда гана сакталат, чынында мен бирөөнүн баласына кантип эне болом деп коркчумун, эми толук энемин, эне-баланын кандай мамиледе болуусун жон терим менен сездим, ачыгын айтсам Мырзабектин балдарына мээримимди төгүүгө ушул уулум жардам берди, - Айжамал ушул тушта жашып кетти, - Канча түндөрдү төрөбөс болуп каламбы деп уйкусуз көз жашымды көлдөтүп өткөрбөдүмбү, - Жаштуу көздөрүн күлмүңдөтө Атабекти карады, - Азыр дүйнөдөгү эң бактылуу аялдардын биримин, алпештеген балам, жан дили менен сүйгөн күйөөм бар, баары жетиштүү, - деди да улутунуп ийди.

- Кубанычыңа тең ортокмун Айжамал.

- Рахмат.

- Азыр кайда, өз үйүңөбү?

- Ооба, бизди атасы үйдө чыдамсыздык менен күтүп жатат.

- Жакшы, - Атабек келинден көзүн ала качты.

- Эгиздериң чоңоюп калдыбы?

- Шүгүр, жүгүрүп жүрүшөт.

- Болсун, - Айжамал бирдеме демекчи болуп кайра жолго тигилди.

- Айжамал.

- Ийи.

- Уулуңдун туулган күнү айтчы?

- 1983-жыл 10-август.

- Кызык, эгиздеримдин туулган күнү 10-август да.

- Ошондойбу?

- Ооба, дал келип калганын кара.

- Чын эле, - Айжамал жолду карап ойлуу бара жатып сумкасын даярдап колуна илди, - Биз ушул жерден эле түшүп калалы.

- Макул, - Атабек унаасын токтотту да өзүн чоочуркай карап отурган наристени аста алып көпкө карады да эки ууртунан өөп, чөнтөгүнөн элүү сом алып чыгып көкүрөгүнө кыстарды, - Эмесе жакшы тургула, көрүшүп турабыз.

- Рахмат Атабек, качандыр бир кезде бир нерсе болсо сен көз саласың, эми көңүлүм жайына келди, эртеби кечпи билиниши мүмкүн, кайненем мага айтпаганы менен менин башкадан болуп келгенин сезип калган, анткени төрөгөнүмдө врачка айы боло элек эле, бала болобу деп сураса, бала толук төрөлдү, ден-соолугу да жакшы деп айтыптыр...

- Жакшы тургула, - Атабек андан аркысын уккусу келбей волгасын жылдырып кетти, анын ойлору будуң чаң болуп ээн талаага барып пиво ичип көпкө отурду да улам наристенин көздөрүн көз алдына келтире берип үйүнө кеч келди.

- Эмнеге кеч келдиң? - деди Айзат аны көрүп эле.

- Иш ошондой, чарчап турам бирдемең барбы?

- Жаңы эле тамак ичкенбиз, отур ичип ал, - Айзат дасторконун жайып чай-тамагын алып келди.

- Семинар кандай өттү?

- Баягы эле, төл-жүндү ашыкча бергиле деген пландар.

- Эптеп көнүп калбадыңарбы, - Айзат күлүп калды.

- айтканга оңой, бир чабанды өйдө көкөлөтүп, бирөөсүн ылдый кылып лапша илгенден бет чыдабай калды.

- Өзү жетекчилер ошондойсуңар да, бирөөнүн төлү менен жүнүн кемитсеңер бириникин желден көбөйтүп.

- Болду, сен эле калгансыбай, элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол дегендей партиянын милдетин аткарып жатабыз да, - Атабек ичип болуп ички бөлмөдө уктап жаткан балдарына кирип көпкө карап отуруп бирден өөп анан: "Сенин дүйнөдөгү баасыз белегиң, мен эне болдум", - деген Айжамалдын сөзүн эстеп отурганда анын оюн Айзат бузуп жиберди:

- Бүгүн кечке Үсөн атам качан келет деп жатып уктады.

- Апалчы?

- Ал деле сурайт, бирок Үсөнчөлүк эмес.

- Алтындары десе, аман болушсун, Эрмек ойноп жатабы?

- Ал азыр эчтеке менен иши жок да.

- Мейли, жатып эс алайын, эртең кайра эле жумуш, - деди да салынуу орунга чечинип жата кетти, көпкө ойлонду, бирок эчтеке кыла албасын билген соң аргасыз уйкуга баш урду, эртең менен Үсөн анын үстүнө чыгып алып ойноп жатканда көзүн ачты:

- Ата, чен каякка байдың, мен ченин келе туйган жолуңду каяй бейдим, каяй бердим, - деп чулдураган уулун уйкулуу көздөрүн ача ойлуу карап тура берди, ата дейм, чен каякка байдың?

- Уулум, мен жумушта болбодумбу.

- Кэ-эчке эле чумушта жүйө бейечиңби? - деп Апал жетип келди.

- Ооба кызым, - Атабек эми өйдө болуп экөөнү кучактап эки жагына алып жатып алды, - Силер жакшы балдарсыңар да, апаңарды кыйнабагыла макулбу?

- Ооба, Апал экөбүш жакчыбыш да.

- Садагаларым десе, эми туралы ээ?

- Кетечиңби?

- Байбай эле койчу, - деп экөө эки жагына жармашты.

- Апал, Үсөн бас чоң энеңердин жанына баргыла, атаң жуунуп келсин, - деп Айзат кирип экөөнү жетелеп алып кетти. Атабек балдарын көрүп: "Чын эле абдан окшош экен, эми кызык эле болбодубу, байкуш балам бөлөк өсөт экен да", - деп эчтекеге көңүлү келбей жумушуна жөнөдү, көпкө кыжаалат болуп жүрүп унута баштаган, кабинетинде отурса бир кездеги курсташы, бирге окуган Алманбет келип калды, экөө эрчишип кабинеттен чыгып сыртта сүйлөшүп турса Айжамал баласын көтөрүп алып конторго кирип келе жатыптыр.

- Кел Айжамал, кандай жумуш? - деди Атабек анын колундагы наристени жал-жал карай, алып жыттагысы келди, бирок курсташынан тартынды.

- Пособияга тапшырып жүрөм.

- Аа-а, бирдеме болсо сөзсүз мага кайрыл.

- Макул, - деп Айжамал ичкери кирип кетти.

- Бул ким? - деп кызыга сурады Алманбет.

- Тааныш келин, күйөөсү зоотехник.

- Аа-а, - деп тим болду Алманбет, андан кийин өздөрүнчө сүйлөшүп туруп анан бөлүнүштү. Атабек кайрадан баласы Атабекти ойлоно баштады, бир туруп Айзатка ачык айтып, кечирим сурап баласын өз колуна алгысы келип кетет, бирок ага болбосун билет, анын үстүнө партиялык кызматта турганда бирөө жарым угуп калып сөз тарап же үстүнөн арыз түшсө кызматтан четтетилээри аштан бышык. Ушуларды ойлонуп кайра тим болуп калат. Күндөн-күнгө кызматынан көтөрүлүп Турсун Акималиевичтин арты менен райондук райкомго келип иштеп калды. Жумушуна карап үй-бүлөөсүн көчүрүп келип жашап калган, ошол убакта үч баласы чоңоюп калган, Айзат үчөөнөн кийин төрөгөн жок, турмуштары ойдогудай, керилген мансаптуу аял болгон, Сырга эне уулунун ийгиликтерине кубанып, кийимдин жакшысын кийип, балпайып төрдө сый көрүп отурган курагы: "Кудайга шүгүр, уулумдун мартабасы көтөрүлө берсин, өмүрү узун, өрүшү жайык болсун", - деп тилегени тилеген. Ошондой күндөрдүн биринде катуу ооруп ооруканага жатып калды, боору ооруп сарык деген диагноз коюлуп көпкө жата турган болду, Апал менен Үсөн алтынчы класста окуп калган, Эрмек үчүнчү класста, Айзат кайненеси экөө үйүндө эле, күн сайын Атабекке тамак киргизип ал-акыбалын билип турат. Бир күнү Атабек оорукананын алдында Айзат менен турганда Айжамал жанынан өтүп кетти, кийими оорукананыкы экенин көргөн Атабектин ойлору чачкындай түшөт.

- Атабек, сага эмне болду, ооруп турасыңбы? - Айзат күйөөсүнө карап күйпөлөктөй түштү.

- Жок Айзат, сен бара бер мен кирейин.

- Макул, дарыңды ичип жылуу жат.

- Ооба, сен балдарды апамды жакшы кара.

- Сен сакайып кетсең болду, - де Айзат күйөөсүн ичкери киргизип коюп үйүнө кетти, Атабек ал кетээри менен эле аялдар жаткан палаталар жакка коридор бойлоп Айжамалды көрүп каламбы деп канчалык караса дагы көрүнбөйт. Аргасы жок палатасына келип жатып калды: "Атабек быйыл он үчкө чыгып калды, кандай болуп калды экен", - деп ойлосо уйкусу качат, эртеси ашканага түшүп суу ичкени кирип бара жатып Айжамал менен беттеше түштү.

- Айжамал, сен дагы биердесиңби?

- Ооба, сен дагыбы?

- Ой тобо, тагдырдын тамашасын кара, ушинтип бизди ойлобогон жерден жолуктурчу болду, - Атабек күлүп калды, - Атабек кандай жүрөт?

- Кудайга шүгүр, бой жетип бара жатат.

- Жакшы, аман болсун, баса качан жаттың?

- Үч күн болду, сарык болуп калыпсың деп жиберишкен, ич келте экен, - деп Айжамал сумсая сүйлөдү, - Бүгүн Атабегим келет.

- Ыраспы? - Атабек кубана карады, - Кандай болуп калды экен, көргүм келет...

- Чын эле көргүң келдиби Атабек?

- Чын сөзүм, абдан көргүм келет, - Экөө ээрчише сыртка чыгып отургучта отурушту, - Жакшы болуп калдыңбы?

- Эми жакшы, өтүшүп кетиптир, көпкө жатам го?

- Жакшы болуп кет, - деп ары жакты карай коюп, - Атабек! - деп ордунан туруп келе жаткан уулун утурлап барып кучактап калды.

- Апа, жакшы болуп калдыңызбы?

- Ооба уулум, - Атабекти көздөй басканда ал дагы тура калды, Айжамал күлө карап, - Уулум, бул агаң менен таанышып кой, - деди.

- Азамат жигит экен, менин атым Атабек, - деп колун сунду ал.

- Чынбы, чын эле атыңыз Атабекпи? - Бала көзүн күлмүңдөтө кубанычтуу карады, - Алдаган жоксузбу?

- Жо-ок, ата-энем койгон атым, - Атабек дагы күлүп кол сунду.

- Менин дагы атым Атабек, - А менин атымды чоң атам койгон, - Эдиреңдей карады, - А сизге жагабы атыңыз?

- Абдан жагат, - Атабек баланын ар бир кыймылын карап Үсөнүнө окшоштуруп турду, ал ойго чөмүлө калганда Атабек аны колунан жулкулдатып жаткан экен.

- Аке, аке дейм!

- Аа-а, эмне дедиң уулум? - деп ийгенин өзү да билбей калды.

- Сиздин балаңыз барбы?

- Ооба-ооба, балдарым бар уулум.

- Окуйбу, чоңбу балаңыз?

- Окуйт, сага теңдүү...

- Чынбы?

- Ооба, - Ошол кезде Айзат Апал, Үсөн үчөө алардын жанына келип калган, - Аа-а, мына менин балдарым, - деп Атабек Үсөндү колтуктап ага карады, - Аты Үсөн, бул кызымдын аты Апал.

- Ийи да, - Атабек ушинтип аларды карап калды, Айзат көргөндө эле бул шумдукту ички сезими менен туйгандай Айжамалды жал-жал карап:

- Атабек, тамагыңды ысыгында ич, - деп эки баласын жетелей ары басып кетти, өзү дагы билбеди эмнеге минткенин, жөн гана ушул сулуу келинди күйөөсүнүн жанынан көргөнгө кызганып кеттиби, өзү түшүнбөдү, көз алдына өз балдарына коендой окшош бала тартыла калып туйтала болуп палатасына бара жатканда:

- Апа, эмнеге ачууңуз келди? - деп сурады Үсөн.

- Ачуум эмнеге келет балам? - деди өзүн кармана.

- Эмне болду Айзат, адамдарга дагы ушундай мамиле кыласыңбы?

- Ийи, эмне болуп кетти, тигил кайсы таанышың?

- Айзат, минткениң болбойт, ал мага окшогон ооруканада жаткан аял, күнөөсү кайсы? - Ачуусу келип кетти.

- Ашык болуп калгансың го?

- Апал, Үсөн силер сыртка чыга тургулачы, - Атабек балдарын палатадан чыгарып аялынын жанына келди, - Сен мындай эмес элең, эмне болду Айзат?

- Жанагы баланы кантип танасың?

- Эмне?! - Атабек чоочуп кетти: "Бул эмне деп жатат, кайдан билип алды экен", - деп селдээ калды, - Эмне деп турганыңды билесиңби деги?

- Үсөнгө куюп койгондой окшоштугун көрүп турам, сен канчалык жашырсаң дагы мен жакшы билем, бул балаң жөнүндө үйгө кат келген, үндөгөн эмесмин, жанагы аялдын аты Айдайбы? - деп Айзат күйөөсүн жаштуу көзү менен карады, - Үйгө барганда сүйлөшөбүз, - деди да палатадан чыгып кетти.

- Айзат! - деген бойдон кала берди, Айзат мындан он үч жыл мурунку окуяны эстеп ыйлаган бойдон сыртка чыкты, жанагы отургучтан Айжамалды таппай калып үйүн көздөй кетип жатты. Ошол күнү Айзат эгиздерин уктатып коюп эшикке чыкса кашаанын жанында конверт жаткан экен, барып акырын ачса "Атабекке" - деген эле жазуу бар, акырын ачып окуп көрсө: "Атабек, мен сени сагындым, уулуң дал өзүңө окшоп баратат, неге келбей калдың, жок дегенде бир келип кетсең болмок, сүйүүбүз ушинтип бат эле өчүп калабы, унутпа мени Атабек! Сени жанындай сүйгөн Айдай. 1982-жыл,август", - дептир, Айжамалдын бул каты экинчи жолу таштаганы болчу, Сырга эне үйдө отуруп көрбөй калган. Бирок анын эсинен такыр чыккан эмес, эстеген сайын Атабекке жини келгени менен: "Баары бир балдарды таштап кете албайт, бир түнөп кеткен аялдын жазганына чычалагыдай жеңил ой эмесмин, Атабек меники, ал менден кете албайт", - деп ойлонуп өзүн-өзү сооротуп тим болчу.

Апал менен Үсөн атасынын жанында калышты:

- Ата, апам эмнеге капа болуп кетти? - деди Үсөн.

- Капа болгон жок, үйдө апам жалгыз калган тура.

- Жо-ок, апам ыйлап кетти, - деди Апал.

- Билбейм, менин ооруп көп жатканыма капа болуп жатса керек балдарым, - Атабек экөөнө күлө карады, - Атаңар сакайып калды, айтып баргыла ээ?

- Качан чыгасың ата?

- Эртерээк чыксаңыз жакшы болмок.

- Чыгам балдарым, балким эртең чыгараар.

- Суранып барбайсызбы? - деди Үсөн.

- Эгерде чыгарбаса суранам, силер кечке калбай үйгө баргыла, - деп экөөнү ээрчите сыртка кошо чыгып жөнөтүп келе жатып: "Ка-ап, Атабек кетип калгандыр, бир аз сүйлөшкөнүмдө жакшы болбойт беле", - деп өкүнүп алды. Айзат үйгө киргенде эле капалуу экенин Сырга эне дароо сезди:

- Балдар калдыбы балам?

- Ооба, - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Ээ Айзат, - деп Сырга эне артынан кирди.

- Оов апа, - Айзат көз жашын жашыра бирдеме жасап жаткан болуп ары караган бойдон үн катты.

- Балам Атаман ден-соолугу кандай экен?

- Жакшы апа, өңүнө кирип сарысы кетип калды.

- Ошентсин, бу сен эмнеге капа болдуң балам?

- Капа болгонум жок.

- Кой кагылайын, ушунча жылдан бери сени кантип билбей калайын, бүт кыял-жоругуңду жаттап калбадымбы, - Сырга эне отургучка отурду, - Жашырба айланайын, Атабегиң капаланттыбы?

- Жок апа.

- Анан эмне болду?

- Апа-а, эмнеге кыйнайсыз? - Айзат зорго тургандыктан буркурап жиберди, - Эмнени айтам, эмне дейм сизге?!

- Ботом жайчылыкпы?

- Атабектин мени жазгырганына ишенчү эмесмин, бүгүн гана ишендим! - Солкулдап жатты.

- Эмне дейт чунак келин?

- Ооба, Апал менен Үсөн кичинекейинде үйгө бирөө кат таштап кеткен...

- Кандай кат? - Сырга эне чоочуп кетти: "Курган келин ай, бул дагы көргөн экен да кандай ниети куурагыр таштады экен балакет баскыр", - деп ойлонуп кетти:

- Балаң бар, биз сени сагындык, балаң өзүңө окшош деп, мен жөн эле көрө албастардын сөзү деп унчуккан эмесмин.

- Ийи, анан эмне болду? - Эне келинин ормое жооп күтө карап калды.

- Бүгүн аны ошол ооруканадан көрдүм, Атабек баласына жолугуп турат окшойт, апасы ээрчитип келиптир.

- Койчу ботом, андай болсо эмдигиче билинет эле го?

- Баласы Үсөнгө куюп койгондой окшош экен, чоңоюп калыптыр апа, кантип анан ыйлабайм, мен ага ишенип жүрсөм ал мени бир аңкоодой көрүп экинчи аялдын баласын багып жатса кантип күйбөйүн? - Улутуна ыйлап-ыйлап сооронгон баладай ийин кагып алды.

- Адамга адам окшош боло берет кагылайын, Атабек иш деп эле күнү-түнү жүгүрүп жүрүп минтип кызматынан көтөрүлдү, үй-бүлөөгө карамдуу, жаман жашаган жоксуң, - Эне келинине акыл-насаатын айтып отурду, - Кат жазса жазгандыр, ошол кезде экөөңөр тең жаш элеңер, жаш кезинде кандай эркек тим жүрөт балам, өзүң эс-акылдуу жансың, көрө албастар кылыш да анык, жөндөн жөн эле аныгына жетпей ачууга алдыра бербе садага.

- Кечирип коюңузчу апа, ошол баланы көргөндө абдан жаман болуп кеттим, же ичим таарыдыбы, кызгандым билбей калдым.

- Антпе садага.

- Макул апа, - Айзат ойлонуп отуруп Сырга энеге жакын келип тизээсине эки колун койду, - Апа, эгерде ал чын эле Атабектин баласы болсо кабыл алганга даярмын!

- Ок, андай болсо айланайын, - Эне күмөндөнүп жүргөнү эми ачыкка чыга тургандай, ал жөнүндө өзү дагы билип туруп андан жашырып жүргөндөй өзүнөн-өзү уяла түштү.

- Ырас айтам апа, мен өзүмө ишенимдүүмүн, ал бала сөзсүз Атабектики болуп чыгаарын сезип турам.

- Капырай, бу кеп кайдан чыга калды деги, - Сырга эне ойлонуп туруп, - Атабектен сурадыңбы? - деди.

- Ал моюнуна алмак беле?

- Билбейм кагылайын, эмне дээримди да билбей калдым.

- Сизде эмне күнөө апа, кыйнап койдум окшойт, мен эмнегедир өзүмдү кармай албай калдым, - Айзат эмелеги ачуусун билгизбей жаркылдай карады, - Жүрүңүз чай ичели, кардыңыз ачты го?

- Жо-ок балам, карыган кишиге көп тамак жагабы, кичине ичсем эле ичимди оорутат, жакпайт да балам, андан көрө чай ичсе ичели, Эрмекти үйгө кир десең боло.

- Сабактан келди беле?

- Алда качан келип сумкасын таштап ойнойм деп чыгып кеткен.

- Анда аны чакырайын.

- Ошент садага, - деген Сырга эне келининин артынан тамак ичкен бөлмөгө кирди, ал эми гана орун алганда неберелери киришти, Айзат алардын артынан кирип газга чай койду.

- Чоң эне, атам эртең чыгарат болуш керек деди, - Үсөн чоң энесинин жонуна коле койду, - Жакшы болуп калыптыр.

- Ооба сага, жооп берсе дебедиби, - Апал тыкылдады, - Чоң эне, атам менен апам таарынып кетишпедиби.

- Ошону айт деп ким айтты? - Үсөн ага тап берди.

- Айтса болбойбу?

- Болбойт да ээ чоң эне?

- Садага болоюндарым десе, атаңдар эмнеге таарынышмак эле, силерге ошондой туюлган чыгаар.

- Жо-ок, апам ыйлап кетип калбадыбы.

- Болду дедим го Апал.

- Мына, унчукпайм эми, - Апал оозун кымтып отуруп калды, экөө бири-бири менен айтышып жатканда эшикте жүргөн Айзат кирди:

- Силерге эмне болду, чай ичип алып бөлмөңөргө киргиле!

- Макул апа.

- Үсөн эле мага тийишип жатат.

- Анан эмнеге өзүң...

- Болду, бири-бириңди угуп жүргүлө, - Айзат Үсөнгө кайрылды, - Сен улуусуң, карындашыңа сүйлөбөй жүр да, атаңар кызматтагы абийирдүү адам болсо уят кылбайсыңарбы.

- Уят кылбайбыз, - деди экөө тең жарыша. Сырга эне ичтен келинине абдан ыраазы болуп турду: "Бечара келиним, эмне кылсын, аял жакшы эр жакшы деген ырас эмей, эгерде башка келин болсо ким билет, тейтеңдеген неме болгондо кандай болот эле, улуумдун эл караган жүзүн жер каратмак, түбөлүгү түз болсунчу деги, уулум аман-эсен сакайып кетсе болгону", - деп ойлонуп үнсүз. Эрмек өтө тентек, сабакты жакшы билбейт, эси-дарты оюнда, Апал окуйт, Үсөн дагы анча эмес, кийимди кооздоп үтүктөп кийгенди эмитен жакшы көрөт. Атабек врачтан жооп сурады эле ал макул болбоду:

- Абылов, сизге көп басканга дагы болбойт, боор али айыга элек, ооруну күчөтүп жибергенсиз, дагы он беш күндөй жатсаңыз анан байкап көрөбүз, кайнак сууну көп ичиңиз.

- Мен өзүмдү жакшы эле сезип калдым.

- Жо-ок, али эрте жолдош Абылов, боор өтө назик, аны этияттабаса болбойт, тамактын майлуусун жеген жоксузбу?

- Жок.

- Көп көрдүм, тергеп ичкенге көнө албай аралашып кетип кайрадан ооруп калышат, - врач Сатарович Эдик күлүмсүрөй чыгып кетти. Атабек көп жаткандан тажап кетти, күндүз сырттан киргиси келбей отура берет, Айжамалдын оорусу күчөп төшөктөн турганга врачтар уруксат бербей койгондон бери уулу менен Мырзабек тез-тез келип калышты. Кээде Атабек анын жанына келип отуруп кетчү болгон, чынында Айжамалдын акыбалы оорлой баштады, ал бир күнү күйөөсүнө:

- Мырзабек, сен мени уга аласыңбы? - деди.

- Кантип, сени укпайм алтыным, ал эмне дегениң?

- Атабекти жакшы көрөсүңбү?

- Бул эмнең, Атабек өз балам го...

- Мырзабек менин акыбалымды көрүп турасың, Атабекти атамдар өз баласындай көрбөй турганын жакшы билем, менин көзүмчө гана...

- Айжамал жаным, жаман ойлобочу.

- Мени сооротпо, ата-энем тирүү болгондо башка эле...

- Сен эми эмне дегени турасың?

- Эмне дээримди жакшы билип турасың, мени алаксытпа.

- Айтчы эми угайын, - Мырзабек башын мыкчый кармап отуруп калды.

- Сен мени кечир, учурунда айта албадым...

- Койчу эми, өткөндү козгогонуң болбойт, мен Атабекти өз баламдай эле көрөмүн го, ушундай сөздү койсоңчу.

- Болду! - Айжамал кыйнала ага үнүнүн барынча кыйкыргандай болду, бирок анын үнү зорго чыкты, - Болду, баарын билип туруп мени соороткуң келеби?

- Эмне кыл дейсиң?

- Атабектин атасы бар!

- Эмне?! - Мырзабек тура калды.

- Ооба, сага оор тиерин билем, бирок кудай алдына бараарда мен чындыкты ачып кетишим керек.

- Чындык ачуу болсо дагы ачыкка чыкканы жакшы эмеспи.

- Айжамал эсиңе кел, сага дагы эчтеке болбойт, - Ал эми Атабек экөөбүздү бөлүүгө эч кимдин акысы жок.

- Мени кыйнадың го, - деп ары карап кетти, көзүнүн жашы жаздыкка куюлуп жатты, - Мырзабек, эми бара бер!

- Айжамал, өзүңдү кармасаң, жаман ойлобосоң...

- Жетишет, эми мага эч кимдин кереги жок, - дегенде Мырзабек шылкыя палатадан чыгып кетти. Айжамал үнсүз ыйлап жатты, көпкө ыйлап жатып өзүн жоготуп койду, сестралар келип аны укол салып дүрбөлөң түшүп калышты, ошол убакта Атабек келип калды:

- Эмне болду, акыбалы жакшы элеби?

- Өтө оор, өтүшүп кеткенде келиптир, сарык деп дарылана берген экен, эми дарылап жатабыз, колдон келгенче көрөбүз го, - деди врач.

- Деги жакшы болуп кетеби?

- Аракет кылабыз...

- Жакшылап караңыздар, өтө жаш да, - Атабек башка сөз айта албай туруп калды, сулк жаткан Айжамалды карап тура берди, колдорунда капельница, дем алдыргыч оозунда: "Жакшы болуп кетчи Айжамал, сен балаң үчүн керексиң, ал сен барда гана бактылуу болушу мүмкүн, мени болсо билбейт, кандай болсо дагы сен ага керек экениңди унутпа", - деп ойлонуп отуруп бир кездеги өзүнүн ашык болгонун, жүрөк каалоосун үй-бүлөөлүк бактысы гана жеңип кеткенин эми мойнуна алып турду, көрсө чындап сүйгөн экен, Айзатты балдары үчүн гана аял катары сыйлаарын сезди Атабек, бирок баары кеч болчу, аттиң бул дүйнөдө сүйүүсүз жашоонун өзү өмүр бою тузу жок тамак ичип жашагандай болот тура! Бир жагы үй-бүлөөсү менен бирге кызматын сактап калды, партиянын күчү ушунда эмеспи... Бир кезде Айжамал көзүн ачты, адегенде потолокту карап анан жанында отурган Атабекти көрдү, терең дем алып алды да:

- Качан келдиң? - деди.

- Көп болду.

- Катуу уктаптырмын.

- Жакшы уктадың, өзүңдү кандай сезип калдың?

- Жакшы элемин.

- Ошондой эле болсун.

- Мырзабек кеттиби?

- Көргөн жокмун.

- Аа-а, - Айжамал онтоп алды, - Мен ага айтайын десем укпай койду...

- Эмнени?

- Атабекти.

- Ал билеби?

- Билбей анан, болгону менин көңүлүмдү карап айта албайт, ата-энем тирүү болгондо эмне... - Айжамал көзүнө жаш алды.

- Капа болбо Айжамал, сен сакайып кетесиң.

- Антип мени сооротпо Атабек, мен алда качан эле ата-энемдерге кошулуп калганмын, болгону кайсыл күнү өлөөрүмдү билбейм, - Айжамал ушинтти да өңгөчүн тартып алды, Атабек анын колдорун кармай калды, - дагы сенин мени түшүнгөнүң, жанымда болгонуң кандай жакшы...

- Андай дебечи Айжамал, өмүрдөн үмүт үзбөш керек адам.

- Макул, мен...

- Сен жакшы аялсың Айжамал.

- Жо-ок, жаман аял болдум, жаштыгыма, сулуулугума чиренип көп күнөө жасадым, ошонун бири Атабегим, кокус көзүм өтүп кетсе кандай күндө калаар экен, сенин үй-бүлөөң кабыл алабы, Атабекке дагы айта албай жатам, кандай кылып түшүндүрөөрүмдү билбейм Атабек?

- Убакыт келгенде түшүндүрөсүң, азыр башкысы өзүң эле жакшы болуп кетчи.

- Атабек, баланы өзүм карайм, көз болом деп сөз бер мага.

- Сөз берем, сөзсүз көз болом.

- Өө-өх! - деп алды Айжамал, - Атабек.

- Оов.

- Атабектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

- Эмнеге, төрөлгөндө алган жок белеңер?

- Өзүм албай койгонмун, ага сен өз атыңды беришиң керек.

- Албетте беремин, анан кантип окуп жатат?

- Мырзабек уулу болуп жазылат, күбөлүгү жок.

- Жарайт, өзүм алып коеюн.

- Ошент, эми көңүлүм ордуна келди, араңдан зорго көргөн баламды өзүм тарбиялап өстүрсөм болот эле, аргам жок Атабек, жазмыш экен, аргасыз таштап кетем го?!

- Айжамал.

- Жок Атабек, сен эми бар, мен чарчадым.

- Мейли эс ал ээ? - Атабек эңкейип өөп жатканда эшик ачылып Атабек кирип келди:

- Сиз кимсиз? - Бала кабак чытый карады, таанып турса дагы кыртышы сүйбөгөнү көрүнүп турду, атайын ушинткенин экөө тең түшүнүп үнсүз туруп калышты, - Эмнеге апамды өбөсүз?

- Уулум, - деди Айжамал алсыз.

- Болду апа, мен бул кишини экинчи сиздин жаныңыздан көрбөйүн!

- Болуптур, мен кеттим Айжамал, - Атабек унчукпай чыгып кетти.

- Балам, чоң адамдар менен ушинтип сүйлөшөсүңбү?

- Өзү ошого татыктуу экен да.

- Кой антпей жүр.

- Ден-соолугуңуз кандай? - деп кайра жазыла түшүп апасын эңкейип өптү, - Жакшы болуп кетиңизчи апа.

- Садагаң болоюн десе, сен аман болчу, мен эмне...

- Апа, мени чоң энем урушту.

- Эмнеге?

- Ушундан тажадым, бизге бала болмок беле, Эрнис менен Марлеске жакшылык кылбайт дебедиби, эмнеге антет, менин бир туугандарым эмеспи алар? - дегенде Айжамалдын жүрөгүнө канжардын мизи тийгендей "зырп" этип кетти: "Ушундай болоорун билгенмин, көзүм өтсө муну кор кылышат", - деп көз жашы мөлт этип алды:

- Айта берет балам, ал чоң энең да карыган киши сүйлөп койгондур.

- Эмнеге эле дайым мени бөлө беришет, мен Марлес менен Эрнис акемдерди, Айнаш эжемди жакшы көрөм го?

- Капаланба уулум, Мырзабек бар беле?

- Атам жок болчу, качып баса бердим.

- Садагам, менин жалгызым, - Айжамал өйдө болду, - Эшикке чыгалычы уулум.

- Макул, - Айжамалды Атабек колтуктап сыртка алып чыкты, күндө отурчу орундукта башкалар отуруптур, алар бак аралап барып көк чөптүн үстүнө отурушту, - Сен чоңойдуң балам, бир сөз айтуум керек.

- Кандай сөз апа?

- Сен бир жолу менин атам Мырзабек эмеспи, чоң энем айтты деп ыйлаганың эсиңдеби?

- Ооба, - Атабек апасынын тизэсине башын коюп жатып алды.

- Сизди капа болот деп айтпайынбы, болбосо азыр дагы сурайын дегенмин, Мырзабектен тууган эмес, мунусунун атасы ким экенин ким билет деп чоң энем сиз жокто ар дайым эле айта берет.

- Ошентеби?

- Ооба, атам ким экенин билгим келет...

- Качантан бери?

- Кө-өп болду, сизди капа кылбайын деп...

- Акылдуум десе, анда мени угуп тур, сен чоңоюп калдың да.

- Эмне, атамды айтасызбы? - Атабек башын өйдө кылып апасына көңүл бөлө карап калды.

- Ооба, угууга даярсыңбы?

- Угам, эгерде дагы бирдеке десе атама кетип калам, - деди Атабек тартынбастан эле, көрсө бала неменин көңүлүнө эбактан эле так калтырып кайненеси кодулап жүргөн тура.

- Анда мени кара, - Айжамал уулун бооруна кысты, - Мени кечир уулум, атаң абдан жакшы киши, кызматкер адам, анын дагы балдары бар...

- Ким деген, азыр кайда?

- Ушул жерде, мен төрөбөй жүрдүм, - деди Айжамал, - Анан сенин атаңа жолугуп калдым, анын үй-бүлөөсү бар экен көрсө, анда мен төрөгөндөн үмүт үзүп калганмын, жашым отузда болчу...

- Анан, айта бериңиз апа.

- Менин атам болбой Мырзабекке берип койду... анан сен төрөлдүң...

- Айтпайсызбы атам ким экенин?

- Атаңдын аты Атабек!

- Ыя! - Бала көзүн чо-оң ачып апасын таңгала карады, - Жанагы кишиби?

- Ооба уулум, - Айжамал көзүн жумуп отуруп калды.

- Кызык, мен аны урушуп койбодумбу?

- Эчтеке эмес, ал сени билет уулум, кокус...

- Апа, атам эмне дейт анан?

- Атаң билет балам.

- Чын элеби?

- Ооба, ал сени дагы жакшы көрөт...

- Атам, атам... - Атабек эмне дээрин билбей туруп калды, Айжамал уулун кучактап башынан сылап чачынан сылады: "Азыр бала эмеспи, чоңоюп калган кезде минтип укмак эмес, жакшы болду көзүмдүн барында айтып койгонум, кокус өтүп кетсем балам жалгыз болбойт, өз туугандарын табат, көңүлүм жайына эми келди", - деп үнсүз отуруп калды, эне-бала өз-өзүнчө ойлонуп жатты, Айжамал го акыркы жашоосундагы бир күндөрүн эстесе, баланын оюнда эмне бар экенин ким билсин, бирок баланын дүйнөсү башкача эмеспи, жан дүйнөсү жабыркадыбы же атасынан бөлүнгүсү келбей жатабы, балким өз атасы менен кантип сүйлөшөөрүн элестетип жатабы ким билсин. Көптөн кийин экөө үнсүз жетелешип алып палатага киришти, Атабек кайра суроо бербеди, Айжамал да сүйлөгөн жок, керебеттин зымдарын кыйчылдатып жаткан соң:

- Апа, мен үйгө кетейин , - деди Атабек.

- Бара гой уулум, тез-тез келип тур балам.

- Ооба, келип турам, - Атабек ушинтти да кетмек болуп бара жатып кайра кайрылды, - Мен сиз жок жаман болуп жатам.

- Бара гой садага, - Айжамалдын жүрөгү сыйрылып кетти, андан аркысын уккусу келбеди, ал азыр жан дүйнөсү эс ала чалкасынан жаткан бойдон көзүн жумуп алды: "Эми өлсөм арманым жок, Мырзабекке түшүндүрүүм керек, акыры бул дүйнөдөн өтүү алдында бардык адамга нааразылыгымды кечүүм керек, өзүм кетирген күнөөлөрүмдү кудай кечирсин, алла талаа кечире көр, жаштыгым жаңылыштыгым болду, эми кудай алдына бараарда тазараак барайын, ээ жараткан", - деп алды ичинен. Атабек палатадан чыгып бара жатып чыккандан кийин бирөө аны токтоткон сыяктуу тык токтоду, бала болсо дагы назик сезими ага бир ишаарат бергендей кадамын шилтей албай туруп калды. Ошол кезде артынан бир дабыш чыкты, баланын бүткөн бою калтырай артына бурулду.

- Атабек аке, мени кечириңиз...

- Эмнеге, неге кечирим сурап жатасың? - Атабек ага күлүмсүрөй карап токтоду, - Кетип жатасыңбы жигит?

- Мм, ооба кетип жаттым эле жана катуу айтып койдум.

- Эчтеке эмес, баары кечиримдүү.

- Чын эле мага таарынып капа болгон жоксузбу? - Атабек Атабекти бакырайган көздөрү менен күлмүңдөй карады, баланын бае сезиминде чын дили менен карап турду, чынында көздөрүндө бир жалын турган эле, азыр кудурети жетсе "ата" деп кучактап калгысы келип турду, бирок анте албайт эле, кантсе дагы ата деп чоңойткон атасын кыя албай, бир жагы балалык акылы, дарамети аны ата дегенге жеткирбеди:

- Жок-жок, эмнеге капа болом, боло берет.

- Макул анда жакшы калыңыз, - деди да Атабек акырын басып кетти, анын артынан Атабек үнсүз карап турду: "Тарбия бар, жаман болбойт, эмнеси болсо дагы баланын жүрөгү сезет экен", - деп кубанып алды ал, бала Атабектин өзүнө тигилген көздөрү эрксиз көз алдына тартылды.

Айзат бир аз туталанганы менен өзүн кармады: "Не деген менен сулуу аял экен, ошого азгырылып кетпей мени менен калганына шүгүр, эгерде Атабек балам бар, аны алып келем десе макул болушум керек, балдарымдын бир тууганы эмеспи, мен дагы энемин, эне катары кабыл алам, балдарымдын атасын кантип кыйналмак элем, үйдөн кетпесе болду", - деген чечимге келди. Ошол күнү ал күйөөсүнө өзү барды, Атабекти палатасынан таппай кайра сыртка чыкса эч ким жок, коридордо басып турса врачтар дүргүп ылдый көздөй кетип жатканын көрүп ал дагы алдыңкы кабатка түштү, аста басып врачтар кирип чыгып жаткан палатага келип акырын караса Атабек Айжамалдын колун кармап башын көтөрүп туруптур, көрсө уколдон соң эс алып калган учуру экен:

- Атабек, балага көз бол, - деди Айжамал онтолой.

- Антпе Айжамал, сакайып кетесиң.

- Жо-ок Атабек, мен сакаюудан калдым, мен жакында өлөм...

- Кой Айжамал, сен өлбөйсүң, - Атабек анын чачтарынан сылап чекесинен өпкөнүн көрүп Айзат боюн тартып алды: "Аттиң, Атабектин жүрөгүнөн мен ушул аялча орун ала алган эмес экенмин, төрөп койдум деп эле үй жумушу менен алек болуп апасын сыйлап жүрө берген экенмин да, чынында мени мындай сүймөк турсун жакшы көрөт болду бекен, көрсө балдардын апасы катары гана көрөөр, анда мен анын үйүндөгү кызматчы, кароолчусу анан тукум улоочуну төрөп берген аял катары гана болсом керек", - деп ыйлап Атабектин палатасына отуруп алды. Көптөн кийин гана Атабек кирип келди:

- Айзат, качан келдиң? - деди көрүп эле.

- Көп болду.

- Мен...

- Билем, сен ал аялды сүйөсүңбү? - деди өйдө карабай көзүн аарчып.

- Эмне деп жатасың? - Атабек кайсаңдай түштү.

- жашырганда эмне, ошол аялдын ордунда болуп калбаганыма өкүнөм.

- Айзат, эмне деп эле жатасың?

- Мен баарын билем, ортодо балаңар бар экенин да...

- Айзат...

- Сүйлөбө Атабек, чындыкка келгенибиз жакшы, анын абалы кандай?

- Жаман, аз күндүк өмүрү калды дешти, - Атабек жашыруунун кажети жок экенин сезди да чындыкты айтты.

- Бала кайда?

- Үйүндө да.

- Билеби сени?

- Жок.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Билбейм.

- Чечкиндүү болууң керек Атабек, кандай чечсең дагы мен макулмун.

- Айзат...

- Ооба, сенин балаңды кабыл алууга тийишмин.

- Рахмат Айзат, сенден мындайды күткөн эмес элем.

- Эч нерсени баамдабай жүрө берген аялдын сезими жок дедиң беле, менде дагы жүрөк бар, сүйдүрүп сүйгүм келет, жашымда күйөөгө тийип сүйүү эмне экенин билбей бала багып, үй оокатын жасап, эримди жасанта кийинтип жумушуна жөнөткөн мен дагы аялмын Атабек, азыр мен бул жерде сени менен айтышып отурбайын, - деди да ысык тамакты тарелкага куюп тумбочканын үстүнө койду, - Сен тамагыңды ичип ал, мен кетейин, - деди да кайрылбай чыгып кетти, Атабек ойлонуп отуруп калды: "Ушундай болот деп ким ойлоптур, Айзат акыл-эстүү аял да, карачы эми балаңды кабыл алам дегенин, Айжамал аман-эсен жүрсө башкача болмок, анын акыбалы оор", - деп оор күрсүнүп алып тамагын ичмек болуп тарелканы колуна алды. Айжамал эки күндөн кийин кайтпас болуп кете берди, Атабек угуп барса Атабекти кучактап алып Мырзабек ыйлап жатыптыр, жанына барды:

- Өкүнүчтүү, жаш эле, - Мырзабекти далыга таптады.

- Жаңы гана кырк экиге чыккан...

- Жашоо ушундай Мырзабек, бир кетет, бир келет, колубуздан келбейт, - деп кичинекей Атабекти карады.

- Апам, апам өлдү, эмнеге апам өлүшү керек? - деди Атабек жаштуу көздөрүн "атасы" Атабекке кадай.

- Атабек, сен эстүү баласың, жакшы адамдар ошентип учуп кетишет, алар асманга барып жылдыздардын арасынан орун алат.

- Чынбы?

- Чын, жакшы адамдар дайыма бийик болушат.

- Апамды жакшы көрчү белеңиз? - деп сурап ийди жаш Атабек.

- Биз тааныш болчубуз, - деп Атабек баладан көзүн ала качты.

- Уулум, чоң кишиге андай деп айтпай жүр да, - Мырзабек баланы карады, - Апаң ар дайым биздин жаныбызда болот.

- Качан кетебиз ата?

- Апаңды алып анан кетебиз уулум.

- Арты кайырлуу болсун, кайгыңарга тең ортокмун, кетээриңерде узатам го, - деди да Атабек чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Мырзабек Айжамалдын кийим-кечесин жыйыштырып жатып төрт бүктөм кат таап алды, кичинекей Атабек жанында турган, катты чөнтөгүнө салып алды, ал Айжамалдын Атабекке жазган каты эле:

- Жүрү уулум кеттик, - деп Атабекти колдон алып сыртка жөнөдү, ошол күнү туугандары, Айжамалдын төркүндөрү чогулуп келип сөөктү алып кетип өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей жайына беришти, Атабек топурак салып кайтты да ооруканадан суранып чыгып келди. Сырга эне уулунун башынан суу айлантып чачып түлөө өткөрүштү, негедир көңүлү кирдеп көп жатат, тамакты мүнөздөп ичип, өңү азып кеткен күйөөсүнө Айзат үндөбөдү...

Мырзабек чөнтөгүнө салган катты эсинен чыгарып жиберген эле, каадаларын өткөрүп, куран окуткандар келип кетип жаткан, сыртта жүрүп эсине түшө калып үйгө кирип илинүү костюмунун чөнтөгүнөн катты алып чыгып келе жаткан, ошол убакта апасынын:

- Болду, тентектик кылбай жүр, энең бардай талтаңдабай дегенин угуп калып катты чөнтөгүнө салып сыртка чыгып:

- Апа, блага болбогонду айта бербеңиз да, - деди.

- Ийи, десе өлүп кетмек беле, обу жок телтеңдетпей жүрчү, өз балдарыңды да мынчалык эркелетпейсиң го? - деп Зуура баласына атырылды.

- Ал эмне дегениң апа, өз балам эмей кайдан келиптир?

- Шордуу балам аа-а, энөөлүгүң жанда жок да, Айжамалдун боюнда келгенин билбейт дейсиңби, билсең дагы билмексен болосуң да.

- Өз эле балам, мындай сөзүңүздү экинчи укпайын, - деп ыйлап турган Атабекти колунан алып жетелеп ичке кирип кетти, - Ыйлаба уулум, чоң энең айта берет, сен эстүү баласың да.

- Чоң энем дайыма эле ушинте берет.

- Ага көңүл бурба, сен өзүмдүн эле баламсың, - Мырзабек баланы сооротуп жанында отурду: "Эмнеге менин алган аялым өлө берет, жолу жок жаралсам керек, Атабекти апам минте берсе эсинде калып кектейт, эмне кылсам экен, тагасыныкына берсемби, алар эмне деп ойлойт, кечээ эле энеси өлүп жатса, бүгүн кодулаганыбыз болбойт го, Айжамал эмне деп жазды экен", - деп ойлонуп Атабекти уктап калганынан жаткырып коюп өзүнүн бөлмөсүнө кирип катты алып чыгып окуй баштады: "Атабек, - деп баштаптыр Айжамал, - Менин ичээр суум түгөнүп, көрөөр күнүм бүтүп баратат. Мен бул жашоого нааразы эмесмин, жараткан мага баарын берди, ата-эненин мээримине чексиз бөлөнүп бактылуу балалыкта өстүм, турмушка чыккандан кийин боюма болбой жүргөндө бир арман кылып көз жашымды төккөн элем. Бирок ал арманым сен аркылуу кубанычка айланды, эне болбойм деп үмүт үзүп калганда боюма болуп калганын угуп ишенбей зорго ишенгенмин. Бирок кеч болуп калган эле, сага айтууга чамам болбоду, анткени атам мени күйөөгө берип ийген эле... Эгерде он-он беш күн мурун билгенимде тиймек эмесмин. Сага айтаарым Атабекти өзүңө ал, менин көзүм өтсө ал аерге батпайт, кайненем аны кордой турганын жакшы билип турам. Менин сага айтаар керээзим баланы өзүң тарбияла, көз бол ага, менин өмүрүмдү улантаарым жалгыз ошол гана Атабек, кош бол сени акыркы ирээт бир көрсөм дедим эле, бирок сен ушул саатта кечиктиң... Кош эми, унутпа Атабекти! 1997-ж". Мырзабек катты окуп бүткөнчө колдору калтырап жаман абалга туш болду: "Демек сен экенсиң да атасы, жо-ок мен сага Атабекти оңой эле бере койбойм, келип эле көрчү, мен атасымын деп айтууга кантип оозу барат энеңди урайындын, мен анын өз атасымын", - деп үнүн чыгара айтып жибергенин дагы сезбей ата-энесинин бөлмөсүнө атылып кирип барды:

- Апа, экинчи дагы Атабекке бирдеке десең мен үйдөн кетем!

- Апей ботом, сага эмне болгон? - деп Зуура селт эте карады, - Өңүң эмне капырай?

- Ошо, Атабекти дагы бир жолу өгөйсүнтө турган болсоң мен аны алам дагы үйдөн кетем.

- Ой бала, дурустап түшүндүрчү, - деди Мааданбек баласын ормое карап, - Эмне болду сага?

- Апам Атабекти атасы бөлөк деп жээрим жатат.

- Бөлөк болсо бөлөк дейт да балам, азыр заман башка, үч балаңды деле багып алсаң, андан көрө тагаларына берип кой да.

- Жо-ок! - деп Мырзабек бакырып ийди, - Мен турганда ага бул үйдөн эч кимдин кордогон сөзүн угузбайм!

- Эсиңе келчи балам, - деди Зуура зиркилдеген баласынын түрүнөн чоочулай, - Жай отуруп сүйлөшсөк болбойбу ботом?

- Эмнеге жаш балага бирдемени айта бересиз, ал эмнени түшүнөт, күнөөсү кайсы, кийин кектеп калат деп ойлобойсузбу?

- Ошончолук эле эмне дедим капырай, бала деп сүйлөсө сүйлөп койгондурмун, - деп баласын жаман көзү менен карады.

- Сүйлөбөңүз, ал азыр жаш, анын үстүнө анын эч кандай күнөөсү жок.

- Болуптур эми айланайын, ачууланбачы деги, өз балдарыңа деле мынчалык күйгөнүңдү көргөн жок элем, Атабекке түшө каласың да, - деп жактыра бербей карады.

- Мейли кемпир, адам баласы эмеспи, анын үстүнө ырас эле балада эмне күнөө, айыпсыз баланы көп эле кагажынтпа, - деди Мааданбек кемпирине.

- Бөрү баласы ит болбойт дечү эле...

- Болду, жетишет апа, Атабектин атын башка коем дагы күбөлүгүн алам, анан анык атасы боломун! - деп Мырзабек сыртка чыгып бара жатканда Зуура:

- Мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң, башың кандайт деген, өз балаңдан артык көргөн баладан эмнени көрөөр экенсиң, - деп кала берди.

- Бу балаңа эмне болгон, баланын атын башка коем дегени эмнеси? - деп Мааданбек кемпирине бурулду.

- Мен кайдан билейин, өңү-башы бузулуп кетти го тим эле.

- Кой кемпир, эмне кылса ошо болсун. Балага экинчи эчтеке дебей эле кой , - деди да Мааданбек бир кезде укканын эстей калды: "Айдарбектин кызын келин кылам депсиң, анын тиги бухгалтер Атабектин машинасынан түшпөй калганын көрдүм эле, эми өзүңөр билесиңер да", - деп коңшусунун айтканы бар, "Атабек деп мен койдум эле, мындай болоорун кайдан билдим, ошонун баласы экенин уккан го, курган бала ага анча эмнеге ачууланат", - деп ойлонуп алды.

Атабек бала болсо дагы тентектигин коюп үйдөн чыкпай калды, Мырзабектин балдарын каникулда таятасы жайлоого алып кеткен, апасынын сүрөтүн көрүп ыйлап алды. Мырзабек анын үстүнө кирип келип:

- Балам, мен сенин атыңды мындан ары Бактыбек деп коем, сага жагабы? - деди колундагы альбомду нары алып баланы алдына отургузуп.

- Ыкы, мага өзүмдүн атым аябай жагат.

- Ал эми мага жакпайт.

- Эмнеге, Атабек деген деле жакшы го?

- Жок, Бактыбек деген ат жагып калды, мындан ары мен ошентип чакырам жарайбы? - Бетинен өөп койду.

- Ата, антпей эле койчу.

- Эмнеге, мен сени бактылуу болсун деп жатпайынбы.

- Атабек болуп эле жүрөйүнчү.

- Болбойт, мындан ары бул атты мен укпайын, сенин атың Бактыбек, уктуңбу Бактыбек?! - деп Атабекти отургузуп тура калды.

- Маку-ул, - Бала дулдуя атасынын ачуусу келип турганын көрүп башын жерге салды.

- Менин өзүмдүн уулум да, - Мырзабек кубана анын маңдайына тизээлей отура калды, - Уулум менин, менин Бактыбегим! - деп шарт бооруна кысып көпкө турду: "Мындан ары Атабек деген биздин жашообузга аралашпайт, аты дагы өчөт", - деп ойлонуп жатты.

- Ата, кысылып кеттим, - дегенде гана баланы ойго алаксып бекем кучактап алганын сезип кое берди.

- Уулум, мени уктуңбу, мындан ары Бактыбексиң?

- Уктум ата, баары бир досторум Атабек дешет да.

- Аларга айткын, менин метиркедеги атым Бактыбек деп.

- Макул анда, - деген Атабек толук түшүнбөсө дагы: "Эмнеге Атабек деген атты жаман көрөт, атамдын Атабек болгону үчүнбү, аны бул атам билеби, ошого ачуусу келген го", - деп ойлонуп турду. Убакыт деген агын суудай жылжып көзгө илээшпей өтө берет эмеспи, баарын мезгил өзү дарылап Атабек апасын унута баштады, бирок ал Айжамалдын сүрөтүн дайыма жанына ала жүрөт, кээде жалгыз калганда сүрөттү колуна алып сүйлөшүп калат. Зуура кийин баягыдай сүйлөбөй калган, аны баары Бактыбек дешет, бирге ойногон балдар гана аны Атабек деп чакырышчу болгон. Быйыл он бешке чыгат, Атабек ойлогону менен барбады, ал азыр акимчиликте иштейт, кайра куруу, демократиялык өзгөрүү менен бирге кызматчылардын мыйзамы да башкача болуп отуруп ал дагы аким болуп калды. Кызмат деген дагы оору эмеспи, болгондо дагы айыкпас оорунун өзү да, улам жогорулап, кызматтын даамын таткан Атабектин көзүн май басты, бир күнү ойлонуп отуруп Мырзабекти өзүнө чакыртты эле ал келбеди, ага жини келип кат берип жиберди: "Мырзабек, экөөбүз сүйлөшчү сөз бар, эртең мен баягы Кыр-Дөбөдөгү сарайдан күтөм, келбесең түз эле үйүңө барам, сөзсүз жолугуп бул сөздү чечишип алышыбыз керек. Атабек. 2001-ж.", - деп бирөөдөн берип ийди да креслого чалкалай отуруп алып мыйыгынан жылмайып алды: Мааданбеков, экөөбүз сөзсүз жолугушубуз керек, убакыт жетти, мен өз баламды өзүм колума алышым керек, сен ага жолтоо боло албайсың, балким тажап жүргөндүрсүң төрт жылдан бери тим койдум, эми жетээр", - деди оюнда. Эртеси унааны өзү айдап Кыр-Дөбөгө келип күтүп турганда Мырзабек ат менен келди.

- Келээриңди билгенмин, - деди ага мыскылдуу жылмая.

- Айта турганыңды тез айт, убактым жок.

- Андай болбойт, бир кезде чогуу иштешкенбиз, кааласаң азыр да кызмат берем, - Атабек жакын келди.

- Кызмат кууган оорулуудан эмесмин, жашоомо жетет.

- Кел, бир аз суусундуктан ичели, жай отуруп сүйлөшөлү.

- Сен сүйлө, менин сенде сөзүм жок!

- Катуу кетпе Мырзабек, кел отур, - деп Атабек машинасынан арак-пиво менен бышкан эт, суусундук алып келип гезит төшөп ага жайды, - Далай эле жайлоонун абасынан дем алып, баглан козуну эттерин бирге жедик Мырзабек, сен жөнүндө жаман оюм жок, - деп айтканда Мырзабек атынан түшүп келди: "Жылуу сөзгө жылаан ийинден чыгыптыр" - дегендей жибип отуруп калды, Атабек сөздү алыстан баштады, экөө өткөн кеткенди, союздун ураганын, ал убакыттын эң сонун экенин кеп салышып улам жүздөн алып отуруп кызып калышты, ортодо коньяк дагы бар, бычак менен килки ачты.

- Сен кызматтан кызматка көтөрүлдүң, биз болсо минтип үйдө отуруп калды, азыр сенин мартабаң жогору болуп турган учур, коммунизмди курабыз деп какшап жүрүп кайра капитализмди куруп койдук, эмки чиновниктердин капиталисттен айырмасы болбой калды, же жалганбы? - деди Мырзабек кеп кезеги келгенде.

- Ошондой десе дагы болот, бирок кыйын учурга туш келдик, айла жок элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол деген чындык да.

- Туура, - Мырзабек Атабекти саамга тиктеди да, - Кана, мени бул жерге чакырган максатыңа келели, - деди.

- Аа-а, туура айттың, - Атабек ага ойлуу карап кайсактай түштү, адам баласы башына балээнин келе жатканын алдын ала билсе мындай кокустукка бараар беле? Ким билет, бирок андай болсо керек, баарын жазмышка шылтап коюп өзүбүз кылабыз да.

- Кулагым сенде, баса бул сыйың үчүн рахмат.

- Эч нерсе эмес, - Атабек дагы аны тигиле карап бир аз турду, - Мырзабек, эмне десем, мм Атабек жөнүндө сүйлөшөлү деген элем, - Эмне дээр экен деп жооп күтүп калды.

- Кандайча, кайсы Атабекти айтасың?

- Атабек, Айжамалдын баласы...

- Ал өлүп калган!

- Эмне, качан?

- Апасынан кийин эле...

- Калп айтпа, тирүү адамды өлдү дегенге кантип оозуң барды?

- Өлсө өлдү дейм да, - Мырзабек ордунан туруп атын көздөй басты.

- Сен ошентип айтсам эле кутулам деп турасыңбы? - Атабек ага жетип карысынан аткый кармап өзүнө каратты, - Сен унутпашың керек, ал менин балам экенин, эгерде балага бирдеме болсо сен жооп бересиң!

- Мен өз балама ээмин, Атабек сенин балаң болсо энеси ала кеткен, - Мырзабек аны түртүп ийди, - Өзү барында балам эле деп келбейт белең?

- Оюнуңду токтот, болбосо азыр барып көрүстөнүн көрсөт, мен аны текшертемин, же азыр үйүңө түз барабыз,

- Менин үйүмө баргыдай сен кимсиң?

- Өз баламдын өлгөн, өлбөгөнүн билишим керек, - деп сүйрөп унаасынын жанына барды, жайылган тамак аштар, арак пиволор менен килкиси, эттер турат, Мырзабектин бычакка көзү түштү: "Энеңди урайынды жайлап салайын, эмнеси болсо дагы көрдүм да", - деп ойлонуп колун бычакка сунуп алды да саймак болгондо Атабек анын колун кайрып жыкты:

- Сени өлтүрөмүн, эгерде мурдараак билгенимде ошондо өлтүрөт болчумун, - деди Мырзабек ага кыжырлана.

- Ким-кимди өлтүрөөрүн көрөбүз, сени мен түрмөдө чиритемин!

- Түрмөгө өзүң отура турган болосуң, бирок мен өлсөм дагы баланы сен ала албайсың, бала бирибиздики гана болууга тийиш!

- Мырзабек, мен сени менен урушканга эмес сүйлөшүп чечишкени келгенмин, кежирленбей сөзүмдү ук, эртең баланы өзүң районго алып барып бересиң уктуңбу?!

- Буйругуңду кол алдыңдагыларга айт, мен сенин кулуң эмесмин, ал эми балага келсек ал сени ата демек турсун тааныбайт дагы.

- Эң сонун тааныйт, керек болсо билет атасы экенимди.

- Жалган айтпа! - Мырзабек тура калганда Атабек аны бет талаштыра уруп жиберди, Мырзабектин мурдунан кан жайыла берди.

- Акмак!

- Сен акмаксың, никеси бар аялдан төрөлгөн баланы талашкан арсыз, акмаксың! - деп Атабекти кулак түпкө уруп жиберди, ал сендиректеп барып оңолду да тээп ийди, ал жыгылып кетти.

- Мени акмак дегенге кандай оозуң барды, мен кадыр-барктуу адаммын, сага окшоп бирөөнүн көйнөгүнүн кирине тойгон бит, жугундуга семирген ит эмесмин!

- Эмне? - Мырзабек тура калып аны урмак болгондо Атабек ага колундагы бычакты шилтеп калды, курч бычак күч менен анын көкүрөгүнө сайылганда Мырзабек "ык" эте түшүп көздөрү чакчая тизээлей отуруп көзүн Атабектен албай, сүйлөөгө алы келбей бир аз турда да көмкөрөсүнөн жатып калды:

- Эмне кылып койдум? - деген Атабек коркуп кетип колундагы бычакты ыргытып жиберип машинага отурду да айдап кетип калды. Мырзабек жылдыз толгон кезде үзүлдү, көп кан кетип ээн талаада жардамсыз жатып өлдү. Ал үйүнө келбей калганда ата-энеси сары санаа болуп жатты, Атабек бир аз чоңойгонго эсине кирип апасы айткандары ага жомоктой туюлуп: "Апам эмнеге антип айтты экен, эгерде атам экени чын болсо келет эле го, же өзүм издесемби, анда атам мага капа болот да, атам мени жакшы көрөт, мен дагы", - деп ойлонуп жүрө берди. Эртеси түш оой Мырзабектин жансыз денесин таап келишти, аны ким өлтүргөнүн милициялар сураштырып жатты, машинанын изин, бөтөлкөлөрдү бүт алып тегерегин карап жатып бир бычакты таап алды. Мырзабекти текшерип бычак жүрөгүн жарып кеткендиктен өлгөнүн далилдешти, аргасыз жерге беришти, Атабек (Бакытбек) ботодой боздоп ыйлап жатты, эң улуу баласы жыйырмадан өтүп жигит курагына келип калган, үчөө ыйлап боз үйдүн сыртында турганда ары жакта эки аял сүйлөшүп турушкан эле, алар Эрнис менен Марлес, Атабекти (Бакытбек) улам карап коюп:

- Тиги кичүүсү өзүнүн баласы эмес дейби? - деди бири.

- Боюнда келген имиш.

- Мырзабек ошонусун жакшы көрчү деп уктум.

- Эм колунда өсүп чоңойсо баланы ким жаман көрөт, адамдын зыяны тиеби, жок дегенде малын бактырып кулдай жумшаса дагы пайда эмеспи.

- Ооба десең, быйыл чоң баласын үйлөнтөт деп уктум эле.

- Ошентип жаткан, байкушту ким өлтүрдү экен? - дешип жатканда ал сөздөр үчөөнө тең угулуп турду, башын жерге салып отурган Атабекке карап Марлес:

- Сен тигил жакка бара берчи! - деди үңүрөйө.

- Эмнеге?

- Ыйласаң-ыйлабасаң сага баары бир эмеспи, сен бизди уят кылдың, - деп ары карап кеткенде Атабек ызаланып ары барып там артына ыйлап отуруп алды, ошондо аны Айжамалдын агасы Бекмырза байкап калып жанына келди:

- Атабек, сага эмне болду?

- Сен бизди уят кылдың, сага баары бир эмеспи деп Марлес акем айтты.

- Ошого капа болосуңбу, мен турам го, эгерде дагы бир нерсе дешсе сени өзүм алып кетип калам макулбу?

- Жок барбайм, атам өлүп жатса мен кантип кетмек белем?

- Өзүң бил, эгерде сени капа кылса тартынбай баргын макулбу, мен сенин капаланганыңды көрбөйүн, аларга дагы айтам.

- Жок тайке, айтпай эле коюңуз, алар менин бир туугандарым, мен аларга капаланбайм.

- Мейли, анда ыйлабагын ээ? - Бекмырза Атабекти бооруна кысып көпкө турду, - Сен менин бир тууганымдын баласысың, жер каратпайм садага, өзүм окутам сени макулбу?

- Макул тайке, атамды өлтүргөндөр табылса аны өзүм өлтүрөм!

- Кой, антип жаман сөздү айтпа, киши өлтүрөм деп оозуңа алба балам, сен жакшы адам бол, апаңдын жалгыз үмүтү сен болчусуң, өмүрү кыска экен, болбосо алар эчтеке дей алмак эмес, жүрү тиякка баралы, - деп ээрчитип үй алдына келди. Бирок Мырзабек өлгөндөн кийин эле Зуура какшанып Атабекти каргап-шилеп жатып калды. Укса да укмаксан болуп бала кирип чыгып жүрө берди, бирок абдан жүдөп кетти, апасынан да атасынан да калган балага турмуш сыртын салып пешенесинен сылачу адам болбоду. Атабек иши менен алек, ал Мырзабектин өлгөнүн уккан, бирок ким өлтүргөнү табылбай жатканын угуп: "Тапсын, өзүгө-өзү ажал тилеп алды, мен аны өлтүрөйүн деген эмесмин, ал баланы менден кызганды, эмнеге кызганат ал, бала меники болгонго жини келсе керек, ажалы жеткен да", - деп ойлонуп отурду, ал ич арадан Мырзабектин айылына киши жиберип Атабекти Бактыбек деп атаганын билип алды. Аңгыча Мырзабектин кыркы да өттү, Зуура анын кийим-кечесин иреттеп инилерине бермек болуп чөнтөгүн аңтарып жатып Атабектин каты менен Айжамалдын өлөөр алдындагы катын таап алып кичүү келинине окутуп көрдү дагы милицияга атайын барды:

- Менин баламдын өлүмүнө ушул катар себепчи, - деди Зуура албууттанып, - Силер жакшылап териштирбесеңер мен жогорку сотко барам! - деди.

- Карайбыз эне, ким күнөөлүү болсо жазасын алат.

- Калыс болгула, аким экен деп анын сөзүн уксаңар өлбөгөн жерде каламын, баламды өлтүргөн неме кызматта кылы кыйшайбай жүргөнүн көргүм келбейт, - деди чала-була көз жашын аарчып чыгып кетти. Ошентип бир каттын изи менен Атабекти кабинетинен милицияга чакырып барып сот болгончо кармашты, сот дагы болду, акыры аны жети жылга соттоду, акыркы сот күнү Атабек (Бактыбек) Атабекти алып кетип жатканда алдынан чыкты:

- Эми мени балам деп айтууга акыңыз да жок, мени сүйүктүү атамдан сиз ажыраттыңыз, үч жыл мурун мага келгенде сөзсүз бармакмын, анткени сизди апам эң жакшы адам деп айткан, башка бирөө болгондо азыр мен сизди өлтүрмөкмүн, ушуга кубаныңыз, - деди да басып кетти.

- Атабек!

- Менин атым Бактыбек, Атабек апам өлгөндө кошо өлгөн! - деп басып кетти. Атабек үндөбөй милициянын жетегинде кетип жатты...

- Ушул менин тагдырым, - деди Атабек башын жерге салып, түрмөдөн чыккандан кийин үйгө барсам апамдын өлгөнүнө бир жыл болуптур, Айзат катуу ооруп андан кийин өтүптүр, Апал менен Үсөн мени жолотпой койду, сен киши өлтүргүчсүң, бизди бир бала үчүн бактысыз кылдың, эми бизге керегиң жок, сен жакшы болсоң апам өлбөйт болчу, ойлонуп жүрүп ооруп калды", - дешип көргүсү келбеди. Эмне кылаарымды билбей мурунку тааныш досторго барсам алар дагы сыртын салып көрмөксөн болушту, жыйнаган бир топ байлыгымды кайын журтум ээлик кылып алыптыр, ушинтип мен бир башымды калкалап жан багуунун аргасын кылып арадан үч жылды өткөрдүм...

- Эчтеке эмес, мындан аркысы жакшы болсун.

- Анын баары сенсиз болушу мүмкүн эмес.

- Жок Атабек, менин дагы балдарым бар, алар кандай кабыл алат ким билет?

- Балдарга түшүндүрөбүз да, жок дебе Гүлайым.

- Болбогон сөз, балдар түшүнө албайт, бары чоңоюп калышты.

- Сен эле каршы болбосоң башкасы эчтеке эмес, - деп Атабек уйгактай жабышып акыры Гүлайымды макулдатты, алар турмуш жолуна аттанмак болуп калышты. Улуу уулу Азат жыйырма үчтө болчу, турмуш курам деп апасына кат жазып бирөөдөн берип ийиптир. Гүлайым айылга кетип көпкө жүрүп калды ошол убакта Атабек айылга балдарына жолугууга кетти, ал барса Үсөндү тагалары үйлөнткөнү жаткан экен, аны көрүп баласы терс бурулду эле кайнагасы Турат:

- Үсөн, мунуң болбойт балам, атаңды антип капа кылбагыла, силерге ошол атаңар керек, - деди. Апал дагы бирдеме демек болду бирок үн дебеди, эрмеги жөн гана үнсүз атасын карап тим болду. Атабек дагы иштеп бир топ акча менен келген, уулун үйлөнттү, акырындык менен элге алынып кайрадан кайнагасынын жардамы менен ишке орношуп адегенде айылдык өкмөткө орношту. Союздун кулашы менен кызматка түрмөгө отурган отурбагын менен иши жок "коррупция" деген балээнин арты менен кулкуну толтура акчаны жең ичинен сунуп койсо эле бакыйган кызматтарга отуруп калчу заман эмеспи. Анан калса ар бир кызматтын өз баасы бар, майда кызматтарга бир жылкы берсе эле ээ болот да калат. Кадыр-барк, аброй дегенди да сатып алып жатышпайбы. Ошентип Атабек өз айылында иштеп калды, ойлогону менен Бактыбекке жолугууга жүзү чыдабайт. Бир күнү анын кабинетине узун бойлуу кабагы бийик, олбурлуу жигит кирди, Атабектин бүткөн бою дүр этип алды "Ошол" - деп алды дилинде, анткени Бактыбек Атабектин эле жаш кези болчу.

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык, кел жигит.

- Келдим, сизде сөзүм бар...

- Кулагым сенде, айта бер.

- Бул жерден эмес, башка жерден жолуксак кандай болот? - деди сүрдүү карап, жаш болсо дагы токтоо сүйлөп.

- Ал кандай сөз, жекеге чыгабызбы? - Атабек жылмая сынап карап калды.

- Ооба, сизде чечилбеген маселем бар.

- Жакшы болот, айт кайда баралы?

- Суу жээгине... саат беште.

- Жарайт, - Атабек ойлуу башын ийкеди.

- Күтөм, - деп коюп Атабекти бир тиктеп алып чыгып кетти Бактыбек, Атабек артынан карап туруп: "Бул бала эмнени ойлоп таба койду, турушун кара, эзелки кеги бар немедей карайт, иттин баласы, Мырзабектин тарбиясын алып, мен жөнүндө жаман сөздөрдү уккан го", - деп ойлонуп жаш баладан кооптонуп турду, эмнеге экенин өзү дагы билбеди, өз баласына кол көтөрө алабы, ансыз да аталык милдетин аткара элек эмеспи, башка никеден төрөлсө дагы өз каны экенин кантип тана алат? Көпкө ойлонуп отуруп саатын карады, анан ыкшоолоно ордунан турда дагы сырты көздөй басты: "Мейли, өлсөм дагы өз баламдын колунан өлөйүн, ансыз дагы жашоодон тажай баштаганда, апамдын өлгөнүн көрбөдүм, өз колум менен көмүп ызаат-сыйын кылып, топурак сала албадым, ай тагдыр ай жок дегенде Айзаттын дагы акыркы сөзүн укпадым, мага нааразы болуп кетишти го, эми гана адамча жашоону улантууга кадам таштаганда бул бала эмне дегени турат", - деп оор күрсүнүп алды да болжогон жакка жөнөдү, чоң суунун жээгине жете бергенде ары карап өзүн күтүп турган Бактыбекти көрүп кадамы тык токтоду, ал кыймылсыз турган эле, көрүнүшү скульпторлор атайын тургузган эстелик сыяктуу сезилет, өзүн кармай кайра басып барып беш-алты кадамдай калганда токтоп үн катты:

- Сүйлөшүүгө даярсыңбы жигит?

- Албетте, - Бактыбек бери бурулду, - Мына бул бычак менен атамдын жанын алдыңыз беле?

- Ошондой болсо керек, баары күтүүсүз болгон.

- Мен башкасын билгим келбейт, - Бактыбек бери бир кадам жылды, жыйырма үчтөгү баланын мынчалык сүрдүү да, олбурлуу да турушу Атабекти таңгалтты, - Сизге үч суроо берем, мен канааттанарлык жооп алсам анда аман каласыз, эгерде чаргытсаңыз бул жерден тирүү кетпейсиз.

- Кандай жазаң болсо дагы даярмын.

- Сиз апамды сүйдүңүз беле?

- Албетте, катуу сүйгөнмүн.

- Эмнеге үйлөнгөн эмессиз?

- Атасы күйөөгө берип ийбедиби.

- Атам сизди билчү беле?

- Айжамал айтса керек, кийин өзү мени душман катары көрүп алды, көрсө ал дагы апаңды катуу сүйүптүр, анткени апаң сүйүүгө татыктуу аял эле...

- жетишет! - деди Бактыбек, кайдан алганы белгисиз, беш атар мылтыкты жерден алганда Атабектин жүрөгү болк этип кетти, ар пендеге өлүм менен бетме-бет келүү кыйын болсо керек.

- Атабек!

- Антип атабаңыз, менин атым Бактыбек.

- жарайт, жарайт уулум, - Атабек шашып калды.

- Уулум дебеңиз.

- Болуптур, болуптур балам, ачууга алдырба, мен өз жазамды алып келдим, андан да өткөн чоң жазага туш болдум, апамдын жалгыз баласы болуп туруп акыркы керээзин укпай, топурак салбай калдым, аялым дагы өлдү...

- Алар менен менин ишим жок!

- Мейли эми... сен менин сүйүүмдүн тамчысысың?

- Эмнеге апам өлгөндөн кийин келбедиңиз?

- Атаң мени келтирбеди, атыңды башка коюп, Атабек өлдү деп мени алдады, - деди Атабек, Бактыбек унчукпай калды, анан ары карап отуруп калды, аны ыйлап жатабы деп ойлоп Атабек турган жеринде селдейди, эмне деп жубатаарын билбеди. Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө анын катарына барып отурду, Бактыбек үндөбөдү, Атабек дагы сөздү эмнеден баштаарын билген жок, экөө катар үнсүз отура берди:

- Сиз мени качан билгенсиз? - деди Бактыбек көптөн кийин.

- Эки жашыңда.

- Ошондо эмнеге апамды алып кетпедиңиз?

- Апаң бактылуу жашап жатам дебедиби.

- Же мени алып кетсеңиз болбойт беле?

- Апаң сенсиз кантмек?

- Мен өзүмдү атамдын өлүмүнө себепкердей күнөөлөй берчү болдум, эгерде мен болбосом өлмөк эместир...

- Анткениң болбойт, ар бир адамдын пешенеге жазган жазмышы болот, сенин анда эч күнөөң жок.

- Билбейм, атам мени абдан жакшы көрчү.

- Албетте, ал сени төрөлгөндөн бакты да, азыр кайдасың?

- Тагамдыкындамын, мени бала кезимден эле атамдан башкасы жаман көрчү, чоң атам дагы өлдү, чоң энем дагы... Балдары мени бир тууган катары көрүшпөйт.

- Бөлөк деген бөлөк...

- Сиздин балдарыңыз мени кабыл алабы? - деди бир кезде, күтүлбөстөн айтылган бул суроо Атабектин башына тийген келтек эле болду, нымтырай үнсүз селдейди:

- Эмнеге, эмнеге кабыл албайт, албетте мен турбайынбы, - деп шашып калды Атабек.

- Мен баарынан тажап бүтүм, - деди ызалуу Бактыбек.

- Капаланба, сен деп мен бир балээге кабылып калдым, сенде күнөө жок балам, мени кечир, биздин жаштыгыбыздын жазасы ушул болду...

- Мен быйыл суранып аскерге кетем, андан кийин көрөбүз, - деди да Бактыбек ордунан турду, - Ме сизди ата дей албайм, анткени ага көнүү кыйын.

- Мейли, ата дебесең дагы ата катары көрсөң болду.

- Жакшы калыңыз.

- Бактыбек, бир аз аярлачы...

- Эмне дегиңиз келет?

- Келчи, жок дегенде боорума кысайын, - Атабек кучак жая ага карады, - Кел уулум!

- Мен, - деди да Бактыбек саамга туруп анан акырын басып келди да кучакташып калды.

- Уулум, жаштыгымдын жаңылыштыгы, мени кечир, мен да сени өз боорума кысып, аз да болсо мээримимди төгүшүм парз уулум, эми менде арман жок, апаңа берген убадамды өмүрүмдүн аягына чейин аткарамын, уулум садага, - деп шыбырап ыйлап жатты Атабек, Бактыбек үн дебеди жөн гана атасынын кучагында солкулдап турду. Көптөн кийин гана алар бөлүнүп эки жакка кетишти, Атабек ага бир аз акча берди. Арадан бир топ күн өткөндө Үсөн атасы жумуштан келгенде:

- Ата, мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди.

- Айта бер уулум.

- Өзүбүзчө сүйлөшсөк болот эле, - деп аялын карады.

- Сыртка чыгалыбы?

- Мейли, - Ата-бала ээрчише эшикке чыгышты.

- Кандай сөз уулум?

- Сиздин балаңыз бар тура.

- Ким айтты?

- Эл айтат экен да, мага окшош дешет...

- Кандай ойлойсуң анан?

- Билбейм, эгерде ошондой болсо биз менен тааныштырыңыз, ал аябай кордук көрсө керек, никесиз төрөлгөн бала деп шылдың да кылышат экен, ага боорум ооруду.

- Бир тууган катары кабыл аласыңарбы?

- Сөзсүз да, сиздин балаңыз болгондон кийин бизге бир тууган да, башкаларга кордотпой жаныбызга алганыбыз жакшы го? - деп Үсөн атасын суроолуу карады.

- Азамат балам, бул сөздү апаң дагы айткан эле, бирок өзүм колум бошобой жүрүп ага бара албай калбадымбы, - Атабек уулуна ыраазы боло далыга таптады.

- Сизди билеби?

- Билет балам.

- Анда эмнени күтөбүз, алып келиңиз. - деп жылмайды Үсөн.

- Жарайт, адегенде анын кайда жашаганын билейин, - деди да үйгө киришти, Атабек ушул учурда өкүнүп да, кубанып дагы турду, өкүнгөнү апасы менен аялынын барында эле баланы алып келип албаганы, кубанганы балдарынын өздөрүнчө сүйлөшүп бир пикирге келип алганы болду. Көп өтпөй эле камынып алып, бир союш союп анан Бактыбекти балдары менен тааныштырды, Үсөн менен Эрмек анын өздөрүнө окшош экенин дароо эле көрдү, Апал болсо аны иниси катары жакшы кабыл алды. Адам баласына кудай жакшылыкты берем десе берип коет эмеспи, Атабек үй-бүлөөсү менен алаксып Гүлайымды эсинен чыгарып койду, ошол тушта Апалды Үсөндүн кайнисине куда түшүп эгиздер бир үй-бүлөөнүн бүлөөсүнө айланды. Анткени Апал жыйырма үчтөн өтүп кеткен эле, Замирбек менен өзү сүйлөшүп анан үйлөнгөнгө макулдашкан, Үсөн менен Атабек каршы болбоду, анткени кайын журту абдан бардар, жакшы адамдар болчу. Эрмек жыйырмага жаңы гана кадам койду, Бактыбек алардын өзүн жакшы кабыл алганына ыраазы болуп калды, Үсөн аны менен кандай иш болсо дагы кеңешчү болду, аны өзүнө жакындатуунун амалы эле анысы, тамактын алдын бере коюп, аялы Албинага кийимин жуудуруп, үтүктөтүп турат. Бул мамилелердин баары анын жүрөгүндө калды, баарын таразалап көрүп туруп Марлес менен Эрнистин, кызынын өзүнө көз караштарын эстеп айыл четиндеги көрүстөнгө келип куран окуп анан отуруп өткөнүн эстеп жатты. Айжамал өлгөндөн кийин кыркын өткөрүп болуп эл тарагандан кийин тамак жеп отурган Атабекти (Бактыбек) карап Эрнис:

- Апаңдын ашын жеп жатасыңбы? - деди.

- Эмне? - Бала түшүнбөй карап калды.

- Сенин апаң дагы өлүп калды го.

- Мм, - деген Атабек унчукпай калды.

- Эми чоң апам өлтүрөт деп кызы.

- Эмне үчүн?

- Сен эми тоголок жетимсиң да.

- Ыкы, атам бар да.

- Ал биздин атабыз, - деди Эрнис, Атабек мостоюп отуруп калды, бирок бала эмеспи, бат эле аны унутуп калып Марлестин жанына барды:

- Марлес аке, мени фудболго алып барчы.

- Барчы ары, андан көрө атаңды таап ал! - деп Марлес аны түртүп койду.

- Атам Мырзабек да.

- Ал биздин атабыз, билбейм сенин атаң ким экенин.

- Ким айтты? - деп көзүн жашылданта карады, дилинде өз атасын көргөн болсо дагы Мырзабекти жакшы көргөндүктөн эчтеке айткысы келбеди, - Калп айтасыңар, - деп ыйлап турганда Мырзабек келип калды:

- Уулум, сага эмне болду?

- Эчтеке, апамды эстедим. - деп Марлести карады.

- Кой ыйлаба уулум, эми апаң жок, аны таба албайбыз, - деп эңкейип чачынан сылап коюп үйгө кирип кетти... Ушуларды көз алдына келтирип алып ордунан турду, аста басып көрүстөндөн чыгып тагасыныкына көздөй жөнөдү, ал аны ар дайым акыл-насаатын айтып жөнгө салчу.

- Оо кел Бактыбек, - деди Бекмырза аны көрүп эле.

- Келдим тага, жакшы турасызбы?

- Шүгүр, кир үйгө.

- Ушундай эле турайын...

- Эмне бирдемеге капасыңбы?

- Жок.

- Жээним, сен азырынча капаланба, күздө сени үйлөнтөм, - деди Бекмырза аны кең далысына таптай.

- Үйлөнбөйм тага, аскерге барышым керек.

- Ой азыр аскерге барып эмне кыласың?

- Мекенди коргобоюнбу? - деди күлүп.

- Жээним, азыр аскерге барып кереги жок, баштагыдай болсо анда бир жөн, азыр такыр башка болуп калган, далай бей күнөө балдар өтүп келип жатат, себеби жок, же жооп берген эч ким жок, андан көрө үйлөнүп алып тынч гана жашай бер, - деди да үйгө ээрчитип кирди, - Байбиче тамагың даярбы?

- Даяр эле, кел Бактыбек, - Салима Бактыбекти мээримдүү карады, - Эмне иш кылып жатасың?

- Иш жок, бекер эле...

- Бул эмес дипломдууларга иш жок болуп жатса айтасың да, Бакыны быйыл күздө өзүбүз үйлөнтөбүз.

- Ошент, үйлөнтпөсөң болбойт.

- Мен азыр үйлөнбөйм тага, аялды алгандан кийин багыш керек, үстүмдө үйүм болбосо кантип үйлөнмөк элем? - деп Бактыбек жер карады. Аерге ал түнөп калып эртеси районго барды, Атабек дем алыш күндөрү гана үйүнө кетчү, айылда кайнагасыныкында турат, өзүнүн тамы көптөн бери киши кирбей калганга эки жагы бузула баштаган эле. Кээде кирип эки жагын карап анан: "Оңдошум керек", - деп ойлонуп алат, бирок колу бошобой күн өтө берди. Апалды төркүлөткөн соң Бактыбекти үйлөнтмөк оюнда бар, Бактыбек кыздарга анчалык жакын болбосо дагы аны сыртынан сүйгөн кыздар бар, бирок ал аларга көңүл деле бурбайт, Адинай деген кыз менен кээде жолугуп сүйлөшүп калат, ал Бактыбекти өзүн сүйөт деп ишенет, оозунан сүйөм деген сөз чыкпаганына күйүнбөйт деле. Бүгүн дагы Бактыбек Адинайга жолугуп калды, ал атайын деле барчу эмес:

- Кандай Адинай?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Жакшы, жүрөм акырын.

- Көрүнбөй кеттиң.

- Жүрөм, сен күндө жолдо жүрбөсөң көрбөйсүң да.

- Атабек. - деп алып Адинай кайра чоочуп кетти, - Оой кечирип койчу, Бактыбекке көнө албай эле...

- Эчтеке эмес, боло берет.

- Бактыбек. Сенин жолугуп калганың жакшы болбодубу.

- Жайчылыкпы?

- Мени атам күйөөгө берем деп жатат, сырдашканга Асия курбум дагы жок жаман болуп жатам.

- Сүйлөшкөнүң жок беле?

- Жо-ок ай.

- Анда кете бер да.

- Өзүмө жакпаса эле кете бермек белем? - Кыз таарынгандай жер карады, - Досум деп сыр айтайын десе...

- Кой эми таарынба, бактыңа келгенин көрөсүң да.

- Эркектерге эле жакшы, кааласаңар айтпай эле ала качып аласыңар, - деп күлдү кайра Адинай.

- Кыздар деле ошентсе болот, - Бактыбек сынай карады.

- Кантип, ошондой кантип болсун?

- Сен дагы ала качып ал, - Бырс күлдү.

- Мени мазактап турасың го?

- Мазактаганым жок.

- Анан эмне...

- Тамаша, күйөө бала кайдан экен?

- Атамдын тагалары болот экен, кол менен алып кетебиз деп жатыптыр, баласын көргөнүм жок, Ыссык-Көлдөн болушат экен.

- Ошончо алыс кетесиңби?

- Апам анчалык алыска бербейм деди, билбейм...

- Бактыңа келгенин көрөсүң да.

- Бактыбек, деги сен бирөөнү сүйөсүңбү? - деди кыз чыдай албай кетип анын маңдайына тура калып, - Жүрөгүң бар жансыңбы?

- Балким жоктур, - Бактыбек ага күлүмсүрөй карады, - Эмнеге антип сурадың?

- Сен аябай кара мүртөзсүң, өзүңдү сүйүп турган кыздарды да билмексенге саласың, эмне үчүн андайсың? - Кыз ызалуу кайра артка бурулуп катарлаша басты, - Эмнеге өзүңдү мындай алып жүрөсүң?

- Адинай, мен жетим баламын, билесиң аны, анан тоголок жетимди ким тоготмок эле, азыр кыздар дагы колунда бар, ата-энелүү жакшы жашаган балдарга карашат, мени ким карамак эле, өзүмдү кыздарга келеке кылганча жөн эле жүргөнүм жакшы, - деп Бактыбек чындыгын айтты, алар жол боюндагы бака теректин түбүнө келип туруп калышты, - Мисалга сен мендей тоголок жетимди, эчтекеси жок томоякты сүйөт белең?

- Сүйүү үчүн байлыктын эмне кереги бар?

- Албетте, сүйүп үйлөнсөң да жашаш үчүн баары керек.

- Мен андай деп ойлобойм, сүйүү менен турмуш курсаң, калганын өздөрү иштеп тапса болот го? - деди Адинай ойлуу.

- Сен макулсуң дейли, ата-энең макул болбойт да, - Бактыбек кызды жооп күтө карап калды, - Сенин оюңча ата-энең макул болушабы?

- Сен кызыксың, - Адинай аны таңгала карады, - Мен аны кайдан билем?

- Сурап көр, адегенде жөн эле айт, мен бир жетим баланы сүйөм деп.

- Кантип?

- Ушинтип эле.

- Анан, андан кийинчи, ал ким эле кайда жашайт десечи?

- Мени айтып көр.

- Мени шакаба кылып жатасыңбы?

- Чын айтам, канда жооп бергенин мага айт.

- Алып кел, биз көрөлү дешсечи?

- Мен барам.

- Чын элеби? - Адинай кубангандай карады.

- Чын, эгерде берсе сага үйлөнөм, сен макулсуңбу?

- Ооба, ооба макулмун!

- Анда эртең ушул жерден жолугалы.

- Макул, - деген Адинай жолуна түштү, Бактыбек аны артынан карап турду: "Менин сени кандай сүйөөрүмдү билсең мындай болбойт эле, эми менин атам бар, ал менин айтканымды аткарат, бирок сени мага ата-энең дал ошол томояк бойдон берсе анан үйлөнөм", - деп ойлонуп бака терекке сүйөнүп туруп калды. Атабек айылдагы үйүн ремонттогонго киришти: "Эми бул үйгө Бактыбек экөөбүз жашайбыз, аны үйлөнтүүм керек, Эрмек азыр жаш, ал жол берет", - деп ойлонуп жатты, күндөр чубап өтө берди, Бактыбекке Адинай жолугуп:

- Атам макул болбойт, - деди жер карай.

- Мен туура айткан бекенмин?

- Ооба.

- Эми кандай кыласың?

- Билбейм, эмки жумада тигилер келип сөйкө салышат.

- Балким күйөө болчу жигитти жактырып калаарсың?

- Бактыбек, чынын айтсам мен башканы сүйө албайм, башканы жакшы көрөм, - деди Адинай ойлуу дарактын башын карап.

- Алчы, ал дагы сени жактырабы, тойс сүйөбү?

- Ошону билбейм Бактыбек, эгерде сүйсө бир ооз айтмак.

- Өзүң башта.

- Кантип, кыз киши кантип өзү айтмак эле?

- Боло берет, азыр жыйырма биринчи кылым, жаштардын укугу бирдей, кыз же эркек дебей каалаганын кылууга акысы бар, демократия деп эмнени айтат, баары ачык болушу керек да.

- Мен анте албайм.

- Деги аның кайда жашайт?

- Ушул эле айылда.

- Ортомчу болуп берейинби? - Күлө карады, - Ким экенин айтчы.

- Ортомчу боло албайсың.

- Эмнеге, мен ортомчу болгонго жарабаймбы?

- Жарайсың, бирок боло албайсың, - деп кыз жигитти кылгыра карады.

- Эмнеге Адинай?

- Айтпайм.

- Айтсаң эми.

- Жок.

- Ал азыр кайда үйүндө элеби?

- Жок.

- Анан кайда?

- Ушул жерде, - Кыз кыткылыктай оозун баса күлүп жатты.

- Кана, менден башка эч ким жок го? - Бактыбек билип турса дагы эки жагын карап, дарактын үстүн шыкаалай тигилип жатты, - Эч ким жок.

- Ал сен!

- Ыя?

- Ооба, сенсиң Бактыбек, сен мени мазактаба, ал үчүн мен күнөөлүү эмесмин...

- Адинай, уккан кулагыма ишенбей турам.

- Сүйүүнүн айыбы жоктур?

- Жок, жок мен сенин сүйүүңө сүйүү менен жооп бергеним менен аткара албайм, сага жакшы жашоо бере албайм, сүйүү үчүн бактылуу кылуу колдон келиши керек да, - Бактыбек кыздын бет маңдайына келди, - Кечир мени Адинай.

- Бактыбек, сен мени сүйө аласыңбы?

- Албетте, мен сага мурун эле айтышым керек эле, бирок...

- Анан эмне, эмнеге мага айткың келбеди?

- Мени сүйбөйт деп ойлодум.

- Бактыбек...

- Адинай, эгерде макул десең тагамды үйүңө жөнөтөйүн.

- Качан?

- Макул десең бүгүн эле.

- Эмне дээр экен...

- Мына көрдүңбү, сен өзүң дагы ишенбейсиң.

- Жо-ок Бактыбек, чынын айтсам атамдан корком.

- Тагаларга айтамын да сөзсүз барабыз, сен анда үйүңө бара бер, - деди Бактыбек кызга.

- Жарайт, мен күтөм, - Экөө эки жакка бөлүнүштү, Бактыбек түз эле Бекмырзанын үйүнө барды, ал үйүндө жок экен, күтүп отурду, Салима таажеңеси аны саал сүйбөй турганын сезди, алар мунун өз атасын таап алганын угушкан эле. Аңгыча Бекмырза келип калды.

- Кел жээним, иштер кандай, кайда эле жүрөсүң деги, үйгө дагы көп келбей кеттиң.

- Тага, сиздер менен кеңешейин деп келгенмин.

- Сүйлөй бер.

- Үйлөнүшүм керек.

- Күз болсун дедим эле го?

- Ага чейин жок дегенде куда түшүү керек.

- Эмнеге?

- Кызды алып кетип калат да.

- Кимдин кызы?

- Камчыбектин.

- Аа-а, эмне кылыш керек анда?

- Таажеңем экөөңүздөр сөйкө салып койсоңуздар...

- Ой азыр малдын баары жайлоодо, сөйкө алуу үчүн дагы акча керек, - деп сөзгө аралашты, - Көп убакыт керек го?

- Болду байбиче, чындап ыйласа сокур көздөн жаш тамат экен, ойлонолу жээним Айтмырза менен Кулмырзаны чакыралы, кыздар да келет, Бактыбекти жер каратып койбойлу, - Бекмырза ойлуу отуруп калды, - Байкуш карындашым ушул бала үчүн көз жашын төгүп жүрүп көргөн, арбакты сыйлабасак болобу? - деди да улуу баласын ини-карындаштарына жөнөттү. Алар кечкиге чогулуп калышты, ары кетип, бери кетип жатып сөйкөсүн таап түндөп даярданышты дагы беш-алтоо болуп Камчыбектин үйүнө келишти, Бактыбекти кошо ээрчитип алышкан, калың башы деп бир жылкыны жетелеп алышкан эле. Бекмырзанын айыл ичинде бир топ кадыры бар болчу, Айтмырзанын учурдагы кадыр-баркы, балдарынын эл ичинде жакшы турушканын билгендиктен Камчыбек сый менен үйүнө киргизип тозуп алды. Акыры алар макул болуп кызга сөйкө салып күзүндө кол менен алмак болуп кетишти. Адинайдын кубанычында чек жок, ананчы өзү каалаган жигитке турмушка чыкканы жатса. Азыр мурункудай телеграмма менен жөнөтмөй жок, кол телефон деген чыгып калбадыбы, Ыссык-Көлгө телефон чалып айтып коюшту эле алар таарынганын айтып барабыз деген болушту. Камчыбек унчукпай тим болду. Бактыбектин Камчыбектин кызына сөйкө салдырганы чакан айылга бат эле угулду, Марлес менен Эрнис угуп алып өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты:

- Бактыбек үйлөнгөнү жатыптыр го? - деди Марлес.

- Үйлөнө берсин, аны билген бул айылдыктар нокотекке кызын бермек беле? - деди Эрнис жылмая.

- Камчыбектин кызына куда түшүп сөйкө салыптыр.

- Койчу, Адинайгабы?

- Ооба, күзүндө кол менен алышат имиш.

- Мен ошого жеткиремби, Адинайды мен дагы жакшы көрөм!

- Койчу, оюн койгонду токтот.

- Оюну жок эле, үйлөнсөм ошого үйлөнмөкмүн, - деп Эрнис сыртка чыгып кетти, Марлес унчукпай кала берди, алар ата-энеси жок өздөрү билип малын туш келди сатып, машинаны кайра-кайра жаңыртып малдарынын аягына чыккан, тагаларынын тилин алышкан эмес. Ошондуктан алар дагы карабай коюшту. Марлестин аялы Жайнагүл эки баласы менен соода жасамак болуп эшигинин алдына дүкөн ачтырган, бирок тааныштарына карызга берип, дос келиндери менен көңүл ачып ичип жеп, эки күндүн биринде үйүндө отуруш кече болуп дүкөндүн товары да жок болгон. Марлес өзү районго таксоват этип эптеп жашап жатышкан, ал Атабектин айылга келгенин угуп жинденгени менен аны тагасы тыйып койгон болчу, эми иниси үйлөнөм дегенде гана эсине келди, алардын эл катары андай ырым-жырым менен үйлөнтөөр акыбалы жок эле: "Эн-неңди жетим, карасаң муну дегеле, атайын Эрнистин сүйгөн кызына сөйкө салып тийишкиси келген го, шашпа сени", - деп ойлонуп алды. Ошол күнү Эрнис Камчыбектин үйүн акмалап турду, Адинайды тааныганы менен ал ага жакындаган эмес, эми атайын эле Бактыбекке жини келип эле аны басынткысы келген. Адинайды жакшы деле көрбөйт, бир кезде дарбазасын такылдатты, ичтен Камчыбектин аялы Зейнеп чыкты:

- Ким керек балам?

- Эне, Адинайда жумушум бар эле...

- Кандай жумуш эле балам, ал азыр эч ким менен жолукпайт.

- Зарыл жумушум бар эле, бир азга эле.

- Болуптур, - деп Зейнеп кайра кирип кетти, бир аздан кийин Адинай чыкты:

- Кел, кандай жумуш?

- Сенде бир сөзүм бар эле.

- Айта бер.

- Адинай, мен сага жолугам деп эле жолуга албайм, сени жакшы көрөмүн Адинай...

- Эрнис, мындай сөздү мага эмнеге айтып отурасың, мен өзүм сүйгөн адамга турмушка чыгам, менин башым бош эмес, - деп кирип кетээрде Эрнис колдон кармап калды.

- Ал эми менин сүйүүмчү Адинай?

- Кереги жок, мен башканы сүйөм!

- Ошо арам сийдиктиби?!

- Эмне? - Кыз аны көзүн алайта карап калды.

- Ооба, ал деген нокотек туулган!

- Эрнис уялбайсыңбы, Бактыбектин апасы силерди өз баласындай көрүп бакканын кантип танасыңар, эсиңер жок турбайбы? - деди да колун жулуп алып кирип кетти. Эрнис томсоруп туруп калды: "Эн-неңди урайын десе, буга ошентип өзү айткан окшойт, карасаң аябай жамандаган экен да, силердин сүйүүңөрдү көрсөтөм", - деп кекене үйүн көздөй жөнөдү. Тынчы кетип отура албай үйгө кирип кайра чыгып жатканда Жайнагүл:

- Сага эмне болгон Эрнис? - деди.

- Эчтеке.

- Айтсаң эми, жемин жедирип ийген тооктой болуп эле күйпөлөктөп жатасың го, бир сыр сенде, же бир кызды сүйүп калдыңбы?

- Ооба, бирок ага башка бирөө куда түшүп коюптур.

- Ой сен Бактыбектин колуктусун айтып жатасыңбы?

- Анын атын уккум келбейт!

- Анда угуп тур, аны ала качабыз.

- Кантип, ал үйүнөн чыкпайт экен да.

- Чыгарыш оңой эле-е, - деди Жайнагүл кытмыр күлүп, - Адегенде даярданыш керек да, азыр эчтеке жок, союш табыш керек.

- Мен аны үйгө алып келсем эле болду.

- Анын жарасы жеңил, мага кой.

- Болду жеңе, сизге ишенем.

- Үч күндүн ичинде аны үйгө алып келип берем, - деп кайнисин далыга таптай жайгарды дагы үйдөн чыкты, анын классташы Алинанын сиңдиси Калима. Адинайдын жакын курбусу экенин билчү, ал түз эле Алиманын үйүнө барды, ал күйөөдөн чыгып келип үйүндө жүргөн. Эшигин такылдатканда эле Калима чыкты.

- Кандай Калима?

- Жакшы эже, келип калыпсыз.

- Алимага келдим эле.

- Ал үйдө кириңиз, - деп эшигин чоң ача жол баштады. Алима менен Жайнагүл экөө көпкө чейин сүйлөшүп отуруп анан кетти, ошондон үч күн өткөндөн кийин Калима курбусуна келди, экөө көпкө сүйлөшүштү, анан Адинай себин көрсөттү, көшөгөсүн көргөндө Калима:

- Ай-ий Адинай укмуш го, муну ким тикти? - деди суктана.

- Өзүм тиктим, анткени өзүмдүн каалаганымдай материал алдырдым.

- Сонун болуптур, эгерде керек болгондо мен сага тиктирем ээ?

- Сөзсүз тигип берем.

- Адинай, мен сага бир сунуш менен келгенмин.

- Кандай сунуш?

- Биздин балдар кыздар чогулуп тоого чыгабыз дейт, сен дагы барасыңбы?

- Мага болбойт го, мен колуктумун да, - деп Адинай бактылуу жылмайды.

- Эми азырынча бир жолу барып келчи суранам.

- Атамдар куда түшкөн көз үйдөн чыкпайт деп жатпайбы, Бактыбек келсе гана чыгарат, жооп бербейт го?

- Мен сурайынбы?

- Жо-ок, баары бир талаага жиберишпейт.

- Анда экөөбүз дүкөн аралап келели деп сурайм.

- Дүкөндөн ала турган эчтеке жок, апам баарын шаардан алып келип койгон болчу.

- Анда биздикине барып келсин деп суранайын.

- Болбойт, эгерде угуп калышса өлтүрөт.

- Койчу эми, бир нерсени ойлоп тапсаң.

- Кандай себепти табам курбум, өзүмдүн деле эч жакка чыга турган оюм жок, Бактыбек деле балдар менен тоого чыкканымды угуп калса эмне дейт, тынч эле отурайынчы, - деди Адинай жалооруй карап, алар минтип отурганда Калиманын чыгышын күтүп Марлестин Аудиси менен Эрнис эки-үч бала менен Камчыбектин үйүн акмалап карап турушкан, бул кабарды Жайнагүлдөн угуп улам бирине жетип отуруп Бактыбектин бирге жүргөн жолдош баласы дароо ага жетти:

- Бактыбек, жүрү кеттик.

- Эмне болду, кайда барабыз?

- Сураба менден, өзүң көрөсүң, - деди да тагасынын үйүнөн алып чыгып жолдон түшүндүрдү, - Эгерде азыр барбасак Эрнис Адинайды алып кетип калат, же сен үчүн баары бирби?

- Эгерде чын сүйүп алса мейли, мен андан кыз талашпайм, кантсе да бирге чоңойдук, ага катары сыйлайм, мени басынтуу үчүн кылып жаткан болсо аябайм, - деди Бактыбек жини келе.

- Абайла, биз жөн гана карап турабыз, байкатпай баруубуз керек, - деди Алмаз, - Аларга көрүнбөшүбүз керек.

- Азыр, бул жагынан барабыз, - Бактыбек жолдо турган Аудини таанып жолдон чыгып короонун четиндеги өскөн майда талдардын далдоосу менен эңкейип дарбазага жакындаганда эки кыздын чыгып келе жатканын көрүп туруп калышты:

- Адинай, мени ушул жерден узатасыңбы, тигиндейрээк бассаң эми.

- Жо-ок, кантип эле бара жатам го? - деп Адинай аны менен бирге басып бара жатканда токтоп турган машина аларды көздөй жылып келе жатты, аны Адинай көргөнү менен эчтеке сезген жок, качан жанына токтоп эки-үч бала түшө калып аны кармаганда бакырып ийди:

- болду, кыйкыргандан пайда жок, - деп бири оозун жатканда Бактыбек менен Алмаз жетип барып кызды бошотуп алып үчөөнү үч жакка салганда Эрнис түшө калды?

- Эй арамдан туулган арам, сага эмне жок!

- Арамыма тийишпей сыйыңар менен кетип калгыла.

- Эмне кыйын болуп калдыңбы, андай күчтү кайдан алдың, же тигил зек атаң бердиби? - деди мыскылдай ыржайып.

- Менин сага колум тийбесин, сыйың менен кетип кал!

- Ых-хы-ы, колуң тийгендей кимсиң?

- Оозуңду жаап кал!

- Жаптырчу сенсиңби? - Экөө тирелип калышты.

- Жаптырып коем керек болсо, сыйлаганды билбегенге билдирип коюуга алып жетет, - деди Бактыбек жини келе.

- Сен сыйды билесиңби, биздин жугундуга тоюп чоңойгонуңду билип ал!

- Сенин эмес, ата катары мээримин төккөн адам чоңойткон.

- Ха-ха, ата катарыбы? - Эрнис мыскылдай карады.

- Ооба, силер жакшы болсоңор бир тууган болмокпуз.

- Сендей арамдан туулган немени бир тууган кылып элдин бетин кантип карап жүрөбүз, канкордон туулган арамсың! - дегенде Камчыбек чыга калды, Адинай ыйлап үйүнө кирип кеткен болчу, ары жактан Марлес дагы келип экөөнүн ортосуна түшө калды.

- Бас үйгө, биерде эмне кылып турасың? - Инисине ачуулуу карады, - Теги, ата-жотосу жоктой жол ортосунда эмне бар?

- Байкап сүйлө аке, менин ачуумду келтирбеңиз.

- Аке дегидей сен кимсиң? - деди Марлес аны акырая карап, - Мен душманымды гана көрүп турам.

- Андай болсо жолумдан чыкпагыла! - деп Бактыбек артыга бурула бергенде Марлес аны тээп жиберди!

- Жолуңдан чыкпагыдай сен ким экенсиң күчүк!

- Балким менин тегим силерден дагы өйдө тураар, тектүү жердин тукуму элге-журтка алынган, чабышканды табыштырган калыс, акылман, сөздү байкап сүйлөгөн адамдар болот, көрүп турам силерди, эл эмес өзүңөрдү-өзүңөр сыйлай албайсыңар, - деди Бактыбек туруп келип ызага ачуусу кошулуп өңү кумсара.

- Бас жаагыңды, сен качантан бери киши болуп калгансың? - деп Эрнис келгенде аларды карап турган Камчыбек басып келди.

- Уулум, Мааданбекти жакшы билем, ал кадырман киши эле, бу силер кандай болуп кеттиңер, эси жок уул болупсуңар, тайке-тайыңардан болгон го, бу менин эшигиме келип кызымды ала качкыдай кимсиңер, кыз эмес силерге кызыл бит ыраа көрбөсмүн, - деди да Марлеске карады, - Байкап көрсөм Бактыбек жигит экен, силерге кол кайтарып жаман айтпады, сен айткан сөздү ажаан аялдар айтат, - дегенде Марлес машинасына отуруп Эрнисти алып кетип калды, - Капаланба уулум, ириген ооздон чириген сөз чыгат деген ушу да, сен жакшы адамдын уулусуң балам, сени көрүп туруп күйөө бала болууга татыктуу экениңди билдим, бактылуу бол айланайын, атаңарды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген сөз бар, акылсыз болушкан тура, тагалары жинди булардын, эми бара гой, - деди жылмая карап.

- Жакшы сөздөрүңүзгө ыраазымын ата, келип калганымды айып көрбөңүз.

- Кайра жакшы болбодубу, сен келбегенде кызымды чыркыратып алып кетмек экен, - деди Камчыбек.

- Жакшы калыңыз ата, - деген Бактыбек басып кетти.

- Бара гой уулум, жолуң болсун, - Камчыбек үйүн көздөй басты, бул учурда Калима Адинайдын жанында актанып отурган.

- Адинай, ишенчи мага, мен билген эмесмин.

- Кантип, сен эмнеге эле мени узатып кой дегениңди эми билдим Калима, сага алар эмне акы төлөштүбү? - Адинай ыйлап жатып ага карады.

- Өлүп кетейин, эчтеке билген эмесмин.

- Болду Калима, экинчи мени курбум деп эсептебе.

- Койчу Адинай, ушинтип эле мени душман көрүп каласыңбы?

- Жок душман көрбөйм, бирок мени унут.

- Алтыным, мени түшүнчү, - Калима ыйлап ийди, - Чынын айтсам сенин курбуң болууга татыктуу эмесмин, ал жөн эле жолугам деген да, ала качам деп айткан эмес, - деп чындыгын айтканда, Адинай аны карап ыйлаганын токтотуп аны карап калды, - Кечир мени курбум!

- Жок, кечире албайм, менин кудалап койгон күйөөм бар экенин билип туруп ушуну кылдыңбы Калима?

- Жолугуп эле сөз айтам деген болчу.

- Калп, ала качаарын билгенсиң.

- Кудай урсун!

- Карганба, бекер кыласың.

- Болуптур, анда мен кетейин, - Калима туруп кетти, Адинай унчуккан жок, карап кала берди, ал азыр Эрнистин үйүндө ыйлап, жулунуп жатканын элестетип коркуп кетти: "Анын эмне күнөөсү бар, Бактыбек болбогондо эмдигиче ким билет, эшикти аттап чыккан кыздын багы байланат дегенди укканмын, кудайга шүгүр үйдөмүн го, ал деле көңүл калтыргысы келбесе керек, - деп ойлонуп ордунан атып турду да эшиктен чыга эле:

- Калима, Калима кетпе! - деп кыйкырганда апасы чыга калды.

- Эмне болуп кетти ботом?

- Калиманы таарынтып алдым апа.

- Ал эмнең кызым, ал бечарада эмне күнөө?

- Апа, эшикке чыккандан корком, чакырып коюңузчу, - деди Адинай апасына жалдырай.

- Эртерээк ойлонбойт белең? - деп Зейнеп кейий сыртка чыгып бир топ узап кеткен Калиманы кыйкырып токтотту. Таарынып бара жаткан Калима артына карап Зейнепти көрүп кайра бурулду, ал акырын жанына келгенде:

- Кызым, кеттим дебей эле кетип калыпсың да, кир үйгө чай-пай ичип анан кетесиң, - деп ээрчитип кирди. Адинай аны кетип калды го деп ойлонуп турган дарбазадан киргенде эле жүгүрүп чыкты:

- Калима, кечирчи мени, - Кучактап калды.

- Сен мени кечир досум.

- Кечирдим ай, ойлонуп көрсөм сенин күнөөң деле жок экен.

- Киргиле эми үйгө, тамак даяр, - деп Зейнеп аларды киргизип өзү ашканага кирип кетти, бир аздан кийин эки кыз шарактап күлүп көңүлдөрү куунак болуп дасторконго отурушту, Камчыбек төрдө, Зейнеп аларга тамак куюп берип отурган, Адинай апасына карады.

- Апам кызык, мен жасайын десем эле болбойт.

- Кызым, кыз деген төркүнүндө гана сый көрөт, сен азыр меймансың, бүгүн эртең сен дагы өз эл-журтуңду табасың, - деди эне.

- Ооба кызым, сен азыр коноксуң, - деди Камчыбек дагы, - Буйруса Бактыбек жакшы адам болчудай, кызымды бактылуу кыла алат, сүйлөгөн сөзү орундуу сүйлөйт турбайбы.

- Атабек деле жакшы жигит эле, кандай шайтан азгырганын ким билсин.

- Ал да болсо жазмыш, - деп мурутун жанып коюп тамагын ичип жатты, Адинай Бактыбектин атасынын купулуна толгонуна мулуңдай Калиманы карап койду. Ошентип курбулар дагы көпкө сүйлөшүп отуруп анан Калима үйүнө кетти, Адинай аны дарбазадан чыкпай узатып койду. Убакыт өтүп күзгө таяп калган, Марлес Камчыбектин сөзүнө намыстанып калды, чынында эки тагасы тең ичип алып өздөрү менен өздөрү мушташып, кызыл чеке болуп көрүнгөн менен урушуп жатышчу. Ошондуктан намыстанды, тагаларына жини келгени менен: "Мен аларга эмнеге ачууланам, өз тукумумду уятка калтырбай турган болуп жашашым керек, эл таразалап коет тура, мен чын эле акылсыз болгон экенмин, атамдан калган малды бүт сатып ийип эми карандай чай менен отурабыз, жакшы уул боло албаппыз, эшигимде үрүп чыгаар ити жок, итке минген кедей болуп калдым, болбосо беш жылкы, жети уй, жыйырмадай жандык бар эмес беле, орунсуз жок кылганымды кара, ошону эл кеп кылат экен да", - деп ойлонуп калды. Чынында Бактыбектин өзүнө кол көтөрбөгөнүн сезди, мурун деле ал сүйлөгөндө сөз кайрыба басып кеткенин эстеди...

Атабек үйүн ремонттоп жатканда Бактыбек жардам берип жүрдү, экөө районго барса чогуу барып кайра чогуу келишет, Үсөн аларды жакшылап сыйлап анан жөнөтөт, Албина дагы ыймандуу келин, Бактыбекти кайниси катары сыйлап кээде тамашалап калат, бир балалуу болуп калышкан:

- Бактыбек, сен качан үйлөнөсүң? - деди кийинки келишинде.

- Кудай буйруган күнү да жеңе.

- Картаң бойдок болбой үйлөн да.

- Жакында, мал семирсин, - деп күлүп койду Бактыбек.

- Анда жакшы экен, камына берелиби?

- Албетте, - деди Бактыбек, анын оюна тагасы Бекмырза түштү: "Жээним, кудай буйруса тойду дүңгүрөтө берип үйлөнтөбүз, эч кам санаба, эч кимим жок деп капа болуп арман кылбай жүр", - дегени эсине келгенде өзүн кызыктай сезип кетти: "Эки жүздүү болуп кетпесем болду, бир жагына ыктай албай эмне болом эми, биякка алсам тагамдар таарынат, тиякка алсам булар таарынат кандай кылсам экен", - деп арсар ойдо калды. Бирөөнүн көңүлүн ооруткусу келбейт, эгерде бирөөнүн бечара адамды кордоп же сөгүп жатканын көрсө чыдай албай кетет. Атабек анын документин толтуруп туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өзүнө каттатып алып алды, азыр акча болсо адамды деле сатып калбадыбы, мыйзам эмес акчалуу адам күчтүү, аскерге дагы жөнөтпөй альтернативдик жол менен калтырып койгон. Экөө райондон келип өздөрүнүн үйүнө келгенде Атабек:

- Уулум, ушул там сеники, үйлөнсөң дал ушул чоң аталарың жашап өткөн үйдө жашайсың, буга кандай дейсиң? - деди.

- Сиз кандай десеңиз мен макулмун.

- Азаматсың уулум.

- Быйыл үйлөнөм...

- Албетте, баарын укканмын, өзүң айтабы деп жүрдүм эле.

- Ошондой, тагамдар сөйкө салышкан, алардыкына алып барсам сиз таарынбайсызбы?

- Эмнеге, өзүбүздүн үй турат, чогуу барабыз дагы ушул үйгө алып келебиз, - деди Атабек.

- Тагамдар таарынбайбы?

- Эмнеге таарынмак эле, келинди алып келээрде калыңды өзүм берем, чогуу барабыз, Айтмырза менен өзүм сүйлөшөм.

- Макул, эки жакты тең таарынтып албасам болду.

- Апаңды тартып ак көңүл, боорукер болупсуң уулум.

- Апамды жакшы эле билем, - деди Бактыбек, ал дагы эле ата деп айта албай жүргөн, айрыкча Үсөндөрдүн көзүнчө Атабекке сүйлөгөндө "ата" деп айтканга оозу барбай эптеп эле "сиз" деп кеп баштаганычы. Азыр дагы ошентип турду, таптакыр көнө албады, аргасыз гана кайрылат.

- Уулум, сен жаш болуп калдың да, кайдан жакшы билмек элең, ошондо он экиде белең?

- Он үчтө.

- Ошондо деле жаштык кыласың.

- Апамдар өлгөнүнө эмдигиче жүрөгүм ооруйт, бирок бир жакка кеткендей эле туюлат, мүрзөгө киргизгенин көргөнүмдөн улам гана өлгөнүнө өкүнүп калам, эмне деген оору менен ооруду эле?

- Ич келте, ичегинин сезгениши.

- Ал өтө жаман оорубу?

- Чынында ичегиден сезгенүү оорулардын оору да, анын үстүнө аны сарык деп дарылай беришиптир да, - Атабек ошол кездеги Айжамалдын элесин көз алдына келтирип оор күрсүнүп туруп калды.

- Ошондо апам канчада эле?

- Кырк экиде болчу.

- Өтө жаш экен да.

- Ооба, жаш кетти, сени мага аябай тапшырды байкуш...

- Өткөн өттү да... - Бактыбек Мырзабек жөнүндө сөз козголуп кетпесин деп сөздү башкага бургусу келди, - Үсөн акемдер бул жерге келбейби?

- Анын үйү турбайбы, эрмектин жери бар, ага үй салып беремин, чоң ата, чоң энеңдердин турган үйүндө сен каласың.

- Үсөн акем жаман көрбөйбү?

- Эмнеге, алар андай эмес уулум, Үсөндүн үйүн көрдүң да, беш бөлмөлүү, тамы чарбагы менен турат, алмаларын сатып алдар мал өстүрүп жатпайбы, - деп Атабек күлмүңдөй карады, - Сен дагы мал-кел күтүп алсаң жашай бересиң.

- Буйруса, окуюн деген ой бар эле...

- Эчтеке эмес, сырттан окутуп коем.

- Эми кереги жок, балким соода кылаармын, - деди Бактыбек, ата-бала унчукпай калышты, тамды болсо абдан жакшы кылып ремонттогон, үй ичинде апасынын каткан шырдак ала кийиздери толтура, жаңы бойдон катылып турат, көбүн келинине берген, иштеп турганда Атабек дагы үй ичин толтуруп койгон эле, кыскасы алар эч нерседен камсыз. Баары бар, Үсөн дагы тиричиликке тың, эшигинин алдын зыңгыратып, мал сарайларын салып, баня куруп койгон, дүкөнү бар, эл катары жашайт, Атабектин эски волгасын сатып ордуна жаңы машина алып алган. Атабек келгенде малынын баары кайын журтунда болчу, алар багып берип жаткан, өзү келгенде азыраак берди, бирок ага Атабек нааразы болгон жок, ошентип анын үйлөнөрүн укканда Атабек жылкы сатып Бактыбекке машина алып берип Бекмырзаныкына келди. Адегенде бир аз жактырбаганы менен кийин туура түшүндү, Бактыбектин келечеги үчүн кайра ыраазы болуп коноктоп анан келин алууну кеңешишти. Ошентип алардын табышканы, Атабектин Бактыбекке машина алып берип өз үйүн бергени чакан айылда бат эле угулду, Марлес дагы ойлонуп калды: "Эгерде чоң энем аны бизге кошпой бөлөк дебегенде биз антмек эмеспиз, балага жаман сөз бат жугат экен да, туура эмес кылыппыз, атам гана жакшы көрчү эле, эми анын бетин карай албай бир айылда туруп башка адамдардай жашайт экенбиз да", - деп инисине карады:

- Эрнис, биз Бактыбектин көңүлүн катуу калтырыппыз.

- Эмне болмок эле, өлүп кетпейби.

- Антпе, чынын айтсам анын энеси бизге жамандык кылган эмес эле да, бизге чоң энем жамандай берип жаман көрсөтүптүр, ойлосоң, мен беш, сен үч, Айнур болгону бир жарым жашта болчу, бизди өз энебиздей мээримин төгүп чоңойткону алигиче эсимде, бир жолу урушуп жаман айткан эмес болчу, биз Бактыбекти эмне кылдык?

- Эмне өкүнүп жатасыңбы? - деди Эрнис.

- Чынында өкүнө тургандай иш болду үкөм, биз ата-тегибиздин арбагына шек келтире турган иш кылдык, мына атабыздан калган малды бүт сатып ийип эчтекебиз калбады, балдары жаман чыкты дешип эл кеп кылат экен.

- Кылса эмне экен, эми кайра мал күтөбүз.

- Кайдан, сен жыйырма жетиге чыктың, али үйлөнө элексиң, иштеген ишибиз жок, же соода кыла албадык, менин тапканым ичип-жегенден ашпайт, - деп Марлес капаланып отурду.

- Марлес, мен атамдардан бир торпок алайын, - деди Жайнагүл.

- Эмне сурамак белең?

- Нурланга энчилеген, ала элекпиз.

- Анда мал кылалы, жоготконду ордуна коелу.

- Жерди иштетпейлиби, картошка айдасак күзүндө кызылдай акча болот, баарына мал алабыз, - деди Эрнис, баары анын кебин туура көрүштү, жаздын камын күздө көр дегендей бир гектар жерди арендага берип коюшкан эле, барып анысын өткөрүп алды, жаз алды менен айдаганга кам көрүп даярданып жатышты. Күркүрөгөн күз келип Бактыбек үйлөнөөр күн да келди, өзүнүн машинасын жасалгалап, Үсөндүн машинасы, Бекмырзанын машинасы, Айтмырзанын машинасы толуп Камчыбектин үйүнө түшүштү, ошондой эл абдан ыраазы болуп кеп кылып жатты, бир күнү кечке эл чакырып той берип Адинайды кол менен алып кетишти, Атабектин үйүндө туугандары, колу-коңшусу союшун союп боорсок жасап келин күтүп жатышкан, кечке маал төрт-беш машина менен келип калышты, Камчыбек жалгыз кызынын себин абдан жакшы берди, үч эркек бир кызы бар эле, Адинайга бир курбусу, жеңеси менен улуу баласынын кызын кошуп берди. Эртеси алар сүйүнүч менен кайтышты, кыргызда кыз таза жүрсө ата-эненин, бир туугандарынын дагы жүзү жарык эмеспи, Камчыбек ичинен ыраазы, көңүлү ток болуп калды. Анткени анын көңүлүнө Бактыбек толуп калган. Оюн-зоок менен келин келип тойлоп жатышты, бул тойду уккандан кийин Эрнис өзүнчө намыстанып алды: "Нокотек, арам сийдик болсо дагы атасы табылып көтөрүлүп калды, канкор атасынан мен атамдын өчүн аламын, ал канга кан менен жооп бериши керек, соттолсом дагы кайылмын, анын канын төгөмүн, менин атам жердин алдында жатса ал тайраңдап жер үстүндө жүрүүгө акысы жок", - деп ойлонуп ал оюн Марлеске билдирбеди...

- Адинай, сен бактылуусуңбу? - деди Бактыбек өздөрүнчө калганда.

- Аябай, бактылуумун Бакыт, сенчи?

- Мен дагы.

- Чынбы?

- Ооба, чынын айтсам мындай болоорун күткөн эмесмин.

- Эмне үчүн?

- Атамды жаман көрүп жүрчүмүн да.

- Жакшы киши деп атам айтчу мурун эле.

- Чынбы?

- Ооба, атам жакшы билет экен да.

- Ооба, мурда директордун орун басары болуп иштептир да, кийин райкомдо...

- Жакшы адамды эл өзү билет да.

- Туура. Адинай сен мага капа болгон жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Баягыда сени сүйөм деп айтпаганым үчүн.

- Жо-ок, эгер капа болсом макул болот белем?

- Алтышкам менин, чынымды айтсам сага мурун эле ашык болуп жүргөнмүн да, анан айта албай жүрбөдүмбү.

- Анын баарын унут, сен алар айткандай жетим бала эмес кандай сонун той берип үйлөнбөдүңбү, атама дагы жактың, жалгыз күйө балам оюмдагыдай болду деп кубанып жүрөт, апам андан бетер...

- Чын элеби?

- Калп айтып эмне кылам, сен жакпасаң бербейт болчу.

- Чынбы? - деп келинчегин кучактап калды, эки жаш төшөктүн ичинде бири-бирине рахат тартуулап түндүн кандай өткөнүн дагы сезбей калышты, бактыга тунуп турган кезеги, Атабекке дагы жакшы болду, жумуштан чыкканда жалгызсырабай үйүнө келсе келини чай тамагын белендеп турат, ошондой күндөрдүн биринде Атабек Гүлайымды эсине түшүрдү, анан шаарга жөнөмөк болуп Үсөнгө келди. Ага өзүнүн оюн ачык айтты:

- Уулум, эми силер өз-өз ордуңарды таптыңар, Эрмекти келээрки жылы үйлөнтөм, мен шаарга эле кетейин, эми мен дагы эптеп бир аял албасам болбойт, силерге жүк болбой, - деди эмне дээр экен деп.

- Өзүңүз билиңиз ата, бир аз таарынычтар өттү, ал үчүн кечириңиз, ылайыктуу болсо үйлөнсөңүз каршы эмеспиз, - деди Үсөн.

- Ыраазымын балам мени түшүнгөнүңөргө.

- Жалгыз жүргөнүңүз болбойт эми.

- Туура, мен дагы ошентип ойлоп жатам, - деди Атабек, анан балдары менен чогуу келип кой союп сырга эне менен Айзатка куран окутту да иштен чыгып алып шаарга кетти, бул арадан бир жылдан ашып кеткен эле, бирок Гүлайым дагы эле ошол ордунда соода жасап, товары көбөйүп калган экен, Атабек жанына келип эле:

- Кандай Гүлайым, иштериң ден-соолугуң жакшыбы? - деди күлө карап.

- Кудайга шүгүр, өзүң кандай?

- Буйруса баары жакшы, балдарым менен табыштым.

- Жакшы болгон тура.

- Көпкө жүрүп калдым, - деп Атабек ага болгонун бүт айтып берди, анын өзүнө кандай оюу бар экенин билгиси келип минтти, - Гүлайым, мен балдарга айтып келдим, макул десең үйлөнүп алалы, - деди.

- Атабек, мен даяр эмесмин, балдарыбыз тил табыша алаар бекен?

- Сен экөөбүз турганда алар кайда барат эле?

- Билбейм, айылда жашагың келеби?

- Жо-ок, элден бата алып келип шаарда турсак дейм.

- Ойлоноюн.

- Баягыда эле ойлоноюн дебедиң беле?

- Өзүң жоголуп кетпедиңби, - деп Гүлайым жылмайып карап койду.

- Сен кечиккен соң мен дагы барып баарын жайгарып келдим Гүлү, бир кездеги жаштыгымдын каталыгы мага чоң сыноо болду, аны дагы балдарымдын катарына кошкондон кийин жүрөгүм эс алып калды, бул дагы болсо менин милдетим эле да.

- Туура айтасың, ошол парзын билбеген аталар канча?

- Өзгөнү айтууга акым жок, анткени баары бирдей жаралбайт эмеспи адам, ар бири ар башкача төрөлөт, жашайт экен да.

- Ооба десең.

- Эми өз тагдырымды ойлоого убакыт жетти.

- Азамат, - деп күлүп койду, экөө кеч киргенде ээрчишип алып батирге келишти, ошондон тартып алар тагдырларын тобокелге салып бириктирип алышты, Гүлайым дагы өзүнүн тагдырын сынап көргүсү келди, тагдырыңды кырк жолу сынап көр, кырктын бири жолдуу деп коюшат эмеспи. Экөө биргелешип соода жасай башташты, Атабек товарга акча кошуп чоң соодага бирге киришти, соодалары жакшы болуп жатты, алар өз-өз балдары менен сүйлөшүп турушат, Атабек чындыгын айтып бир-эки айда бараарын айтып телефондон билдирди, Гүлайым болсо балдарына айтпады, айрыкча кызынан тартынат, анткени ал эң кичүүсү, болгону эми он алтыга чыгат.

Уулу үйлөнүп үйүндө жашап калган, аларга анда-мында акча же белек жиберип турат, келини төрөдү деп сүйүнчүлөгөндө барып келди. Бирок күйөөгө тийдим деп айтууга оозу барбады, кызы Асел сабагына карап кана калды, болбосо шаарга барат элем деп кыйылып калды. Ошентип бири-бирине чиелешкен тагдырлар адамдар арасында өз өкүмүн жүргүзүп турду, бирде өйдө, бирде ылдый турмушту көтөрө албаганы көтөрүлүп чабылса, кыйынчылыкка башын сайып: "Саргара жортсоң кызарта бөртөсүң", - дегендей чыдагандары жашоодо өз ордун таап алтын аяктан суу ичип жаткан кездери. Гүлайым Атабек менен жашап алганы менен эчен ирээт: "Мен туура кылдымбы, же туура болгон жокпу, балдарым карабай кетсе кантем, эл эмне дейт болду экен, наала кылабы", - деп өзүнчө сары санаада жүрдү. Күн өтө берди, соодалары абдан жакшы болуп товарлары күндөн-күнгө көбөйүп отуруп эки айдын ичинде арендага контейнер алып иши жүргөндөн жүрө берди. Аңгыча кычыраган кыш да келип бети колду тызылдаткан учур, алар ошого дагы кайыл, улам бири жанында сайылган жылыткычка жылынып соода кылышат, ошентип жаз келгенде алар бир топ ирденип калышты, Атабек ойлонуп отуруп Гүлайымга:

- Гүлү, убакыт жетти деп ойлойм, макул десең айылга баралы, - деди.

- Бир аз кое турсак кантет?

- Күткөндө эмне, соодабыз жакшы болуп жатат, контейнерди сатып алдык, эми кайра келип иштеп үй алалы, - Атабек оюндагысын айтты.

- Жакшысы го жакшы, менин балдарым али болбойт да, аларга мен эмне деп айтаарымды билбей турам, - деп кыйылды Гүлайым.

- Биз айылга барып келгенден кийин сенин төркүндөрүңө баралы, кандай дейсиң?

- Болбойт, менин агамдын жини жаман, апам болсо карыган.

- Эчтеке болбойт, көнөт да, эл бар, журт бар жаным, тартына бергенде кантип болсун, биз бири-бирибизге тагдырыбызды ишенип тапшырбадыкпы, - деди Атабек Гүлайымга суроолуу тиктеп.

- Мен жаңылыштык кылып алган окшойм...

- Бул эмне дегениң Гүлайым, баш тартып турганыңбы?

- Жо-ок, өзүмө-өзүм ишене албай калдым.

- Андай болбойт, эртең мен керектүүнү аламын, сен бир сыйра кийин, бүрсүгүнү жолго чыгабыз, - деди Атабек буйрук бере, - Турмуш оюнчук эмес экенин түшүнүп эле калдың, экөөбүз тең жаш эмеспиз да.

- Макул, сен айткандай эле болсун, - деди жер караган Гүлайым.

- Ошентсең, - Атабек кубана аны кучактап өөп алды, - Эми биз бир кишибиз, анда мен кеттим, - деп чыгып кетти, Гүлайым ойлонуп калды, ал жакындан бери күмөн болуп жүргөн, врачка барып көрүнүп боюнда бар экенин билгенде жүрөгү шуу дей түштү, сүйлөшүп алдырып коймок болду эле бала чоңоюп кеткенин айтып врач баш тартты:

- Күйөөң барбы? - деди анан ал күмөнсүй карап.

- Ооба.

- Анда экөөңөр тең келгиле, ошондо көрөлү, күйөөсү бар аялдардын күйөөсү уруксат бермейинче болбойт, анын үстүнө баланы кескилеп анан алууга туура келет.

- Күйөөм уруксат бербейт.

- Анда мен эч нерсе кыла албайм.

- Макул эже, мен күйөөмө айтпай келгенмин, рахмат сизге, - деди да Гүлайым клиникадан чыкты: "Эми артка жол жок, мынчалык болбосо болот эле да, Атабек эмне болсо ошомун, баш тартууга болбойт", - деп ойлонуп батирине келди да жатып калды. Ал бүгүн эс алып кир когун жуумак болуп калган, көптөн кийин туруп ишин жасап бүтүп тамагына дагы үлгүрдү, кечинде Атабек экөө тамактанып жатып калышты, эртеси экөөлөп базар кыдырып белек бечкекти алып анан таксиге отуруп жөнөп калышты, Гүлайым ага үндөбөдү, жолдо бара жатып ал Үсөнгө, Апалга телефон чалды, андан кийин Бактыбекке чалып көңүлү жайланган соң Гүлайымга:

- Кечээ чалып койбойсузбу, камынып турат элек дейт, - деди күлүп.

- Аныкы туура да, бара жатабыз десең таң калышкандыр.

- Жетишет, кечке зорго жетебиз, - деп камырабады Атабек, алар чын эле кечке маал жетип барышты, ал күнү аерде болуп неберелери менен бапырап отуруп эртеси Апал күйөөсү Марат экөө келип калды эле чогулуп Бактыбектикине барып тууган уругун чакырышып чакан той кылышты, нике кыйдырып он чакты күн турушту, Гүлайым балдарга ыраазы болду, бири-бирине коендой окшош балдардын энелери өлгөнүнө ичи ачышып турду, аны туугандарынын жакыны Бекбото үйүнө чакырып коноктоду, бир кезде түрмөдөн келгенде ал "Тууган урукту уят кылдың, элдин бетин карай албай калдык, сенин айыңдан "канкорлор" деген сөздү угуп отурабыз", - деп терс бурулган эле. Баары эсинде турган менен Атабек унчукпады, бирок ага Ботобек бакылдай минтти:

- Үкөм, өткөн кеткенге таарынба, пенде болгондон кийин мындай боло берет, - деди карс-карс күлө.

- Аке, мен силерге таарынбайм, тагдырдын жазганына көнбөскө арга жок экен да, болбосо ким ойлоптур, кокустан болду баары.

- Ага капаланба, илгери болчу түрмөгө отуруп келген адамды кароолчулукка да алчу эмес, эми түрмөгө отуруп келсе дагы министр болуп калып жатпайбы? - деди Ботобек бакылдап, - Акчаң болсо эле болду.

- Эми заман ошого алып келди, коррупция менен күрөшөбүз деп жатат, кайра ошол коррупцияны өздөрү баштап чоң креслолор үчүн миллион сунгандарды отургузуп жатышпайбы.

- Балык башынан сасыйт деген ошо да, - Эт келгенче саясаттан кеп кылып андан кийин инисин сыйлуу жилик тартып, чыкталган беш бармак алып келди, Үсөн менен келинин, Бактыбекти аялы менен чогуу чакырган эле. Кыргызда "отко киргизүү" салты бар эмеспи келиндерди, бул ошентип эки-үч коенду бир ок менен атып көңүл улаганы болсо дагы Атабек кубанды. Эртеси баарына кийит кийгизип узатты, Атабек экөө ээн калганда Гүлайым.

- Эми кетсек болобу? - деди жылмая.

- Албетте, кетебиз жаным.

- Узак жүрүп калдык, соодадан калдык.

- Эчтеке эмес, биз болсок соода да, баш аман болсо баарын өзүбүз табабыз, - деп Атабек аялын эркелете карап койду, андан кийин дагы эки-үч тууганы чакырып коноктоду, анан шаарга камынып жатканда Бактыбектин келинчеги толготуп калып аны менен алек болуп ал төрөгөндөн кийин дагы туруп калышты. Адинай кыз төрөдү, Бактыбек кубанып жүрөт, Үсөнгө сүйүнчүлөдү эле Албина экөө жетип келишти, ошентип жээнтек берип, кудалары он беш күндөн кийин бешик алып келишип тойдон-тойго улана берип эки ай жүрүп калышты. Бул арада Гүлайымдын балдары чалып сүйлөшүп жатышты, акыры алар дагы шаарга жөнөмөк болуп калды.

- Эми биз кетели балам, - деди Атабек Бактыбекке.

- Бул жерде эле калбайсыздарбы.

- Болбойт уулум, контейнер ачылбай калды, товарлар күйүп кетпесин.

- Өзүңүздөр билиңиздер, - деп Бактыбек атасын коноктоп, Адинай экөө Гүлайымга бир сыйрасын кийгизип, атасына костюм шым кылып, анан жөнөтүштү, районго келгенде Үсөн менен Албина дагы коноктоп экөөнө бир сыйрадан кийинтип жөнөтүштү, Апал аларды жөнөөрдө келип өзүнүн сыйын кылып күйөө баласы Марат экөө таксиге салып узатып калышты. Гүлайым өкүнгөн жок: "Эрге тийдим эл алдым дегендей менин дагы тагдырыма жазганы ушудур, кудай жакшылыгын берсин, балдарым дагы түшүнөөр", - деп ичинен көңүлү кушубак болуп турду. Шаарга кеч келип жатып калышты, байкабаганы менен чарчашкан экен, кээде адам жаны тынбай жумуш жасаса дагы ошондон рахат алгандай чаалыкканын сезбей калат, кээде тескерисинче бекерчиликтен дагы адам чарчайт, булар сый үстүндө жүрүп чарчаганын сезип эртеси чыгышпады.

- Гүлайым, көңүлүң жайындабы, менин элим, туугандарым менен балдарым жактыбы? - деди Атабек эртеси төшөктөн турбай жатканда кучагына кысып.

- Жакты, мен кубанып турам.

- Ошондой эле болсун.

- Балдарың аябай окшош экен да.

- Ооба, бири-бирине кыйын окшош.

- Аман болсун.

- Кудайдын көзү түз болсун байбиче.

- Ооба, кудай баарын көрүп турат эмеспи.

- Сени бактылуу кыла алсам болду байбиче.

- Бактылуу боло баштадым.

- Ыраспы, али жашообуз жаңы башталды го?

- Мен бактылуумун, - Гүлайым наздуу жылмая мойнуна колун ороду, - Эмне үчүн экенин тапчы.

- Балким...

- Эмне балким?

- Билбей турам, мен сулуума кандай бакыт тартууладым экен? - деди Атабек, экөө бири-бирин кыса кучакташып улам өбүшүп коюшуп жаштардай эле оонап жатышты.

- Сулуум дейсиңби, кайдагы сулуулук?

- Сен менин сулуумсуң, кана өзүң айтчы...

- Кубанасыңбы кубанбайсыңбы билбейм.

- Айтчы эми бук кылбай.

- Менин боюмда бар!

- Койчу!

- Эмне жаманбы?

- Жок-жок, таңгалып турам, качан билдиң?

- Кете электе көрүнгөнмүн, алдырайын десем чоңоюп кетиптир.

- Эмнеге алдырам дедиң?

- Сени каалабайсыңбы деп ойлойм...

- Албетте каалайм, экөөбүзгө эрмек болот да, мурдатан эмнеге айтпадың? - Чопулдата өөп жатты.

- Эми ишендим.

- Магабы?

- Ооба, - деди бырс күлө шыңкылдаган Гүлайым.

- Кыз төрөп бер ээ?

- Кудайдын бергени да.

- Аның туура, аман-эсен көз жарсаң болгону.

- Буйруса, кудайым жар болсунчу.

- Алтыным десе, бактылуу кыла алсам болгону, жаш болсо өттү, элүүдөн кийин жашоо өзү деле кызыксыз болуп калат экен, айрыкча турмуштан кыйналган учурда жашагың да келбей калат, өлгүң келет жан таттуу, өмүрдүн кызык кезинде, кызматтын даамын татып улам өйдөлөөнүн аракетин көрүп жатканда жаман ишке кабылып жолумдан адаштым, - Атабек өкүнүчүн сыртка чыгара оор күрсүнө терең дем алып алды, - Мен адам өлтүрөм деп ойлогон эмесмин, көзүнүн карегиндей сактап, алды жагымдын үмүт чоң болуп, мен үчүн гана жашаган апама топурак сала албай, көз жаш буйрубай калды, балдарымдын энесин өз колум менен ак кепиндеп көмө албадым, бул арманым өлөөр-өлгөнчө көкүрөгүмдү мыжып, көңүлүмдү оорутуп, айтсам түгөнбөс арманга айланды Гүлү, эми кудайым кулум десе балдарымдын жакшылыгын, сенин маңдайымда аман жүрүшүң үчүн кудайга миң ирээт сыйынып жүрөйүн жаным, - деп кучактап алып бооруна кысып жатып сүйлөй берди.

- Кимдин боору бүтүн, саны аман дейсиң, дүйнөдө өксүбөгөн, өкүнбөгөн пенде жок Атабек.

- Аның туура.

- Атабек.

- Оов алтыным.

- Сенде, менде деле бала бар, кудайга шүгүр, ушуну алдырып салбайынбы? - деди Гүлайым жүрөк өйүгөн суроону берип.

- Эмнеге Гүлү, бул биздин түбөлүк бириктирип турган данакер бала болот, андай дебе алтыны, төрөп бер мага, жашым өткөндө бир бала жытын жыттап рахатка батайын.

- Мен уялып жатам, - деди Гүлайым акырын.

- Уялба, кудай берсе төрөйсүң, ар бир пенде жарыктыкка келгенде өз ырыскы насиби менен келет, - Атабек Гүлайымдын жүзүнө тигиле карап, - Айжамал дагы төрөй албайм, мен эне боло албайт экенмин деп ыйлап жүрүп боюна болгонун билбей калып мени тузакка илип кетти, эми баары жайында дечи, бирок менин атыма кара так түштү, "зекпи" "түрмөгө отуруп келген", - деген сөз кошумча айтылып калды...

- Кайгырбай эле кой, өткөн-өттү, түрмөгө отурсаң дагы адамдык жүзүңдү жоготкон жоксуң, мына бир баштан баары ордуна келип бара жатат, - деп Гүлайым жубата аны жаагынан сылай өөп койду.

- Сенин жолугуп калганың мага бир топ жакшылык алып келди, сен башкача аял экенсиң, сага жолуктурган жаратканга миң мертебе ыраазымын! - Экөө ал күнү кечке төшөктөн турушпады, улам кардын тойгузуп кайра жатып алышат, сүйлөшпөгөн сөздөрү калбады, ал күнү да, түнү дагы өздөрүнүн башынан өткөндөрүн бири-бирине айтып берип бири-бирин жакшы билгендей болушту. Эртеси барып товарларын жайып соода жасап жатканда Гүлайымдын баласы чалып калды:

- Ооу, Азат тынчсыңарбы уулум? - деп Гүлайым сураганда Азаттын үнү угулду.

- Жакшы эле, сиздин абалыңызды билип коелу деп эле.

- Ийи, Бекзат менен Асел жакшы эле жүрөбү?

- Жүрүшөт, жакында каникулга чыкканда Асел шаарга барам дейт, Нурелди карашып кой десем болбой жатат кызың.

- Келсе келип кайра кетет да уулум.

- Нурел аябай ыйлаак апа, жардам бер деп койчу, - Азат даттана сүйлөдү, - Сен айтсаң угат да, анан бир аз акча болсо берип ийчи апа.

- Үйдөбү азыр Асел, - деди да кайра ойлоно калып, - Кийин берип ийем, - деди.

- Жо-ок, сыртта бала көтөрүп жүрөт.

- Сен өзүң акырын айтып түшүндүрүп көр, мен дагы силерге барып бир нерсени кеңешип келүүм керек, Асел каникулга чыгаарда барам.

- Анда ошондой айтыңыз ээ?

- Ооба балам, мен айтам, жакшы тургула.

- Жакшы туруңуз, - деп телефонду өчүрдү: "Тобо, кандай жүрөсүң, ден-соолугуң жакшыбы деп сурап койбойт, баласын бага албай аялы эмне болуп калган, Аселди бала баккыч кылып алат го", - деп жини келип алды.

- Жакшы жатышыптырбы? - деди Гүлайымга карап Атабек.

- Жакшы эле, кызым окуусу тараганда келгени жатыптыр.

- Келгени жакшы, - деди Атабек.

- Өзүм барып аларга айтып түшүндүрбөсөм болбойт.

- Мейли, качан барайын дейсиң?

- Каникулга чыгаарда барайын.

- Мейли, барсаң бар, - деп Атабек ойлонуп калды, - Мен кошо барсам эмне болот Гүлайым?

- Мен энемин да Атабек, эркектерге оңой болот экен, энелерге өтө кыйын, күйөөгө тием деп айтуу эле оңой бекен Атабек, балдар таарынат, түшүнбөй ыйлап-сыкташат, ошонун баарын баштан өткөрүп анан макулдашып келейин, - деди ойлуу Гүлайым.

- Макул алтыным, көп ойлоно бербе, балага зыян болот, өзүңдүн ден-соолугуңа дагы зыян.

- Көрөм да эми, болоор иш болбодубу, - Гүлайым күлгөн болду, бул жашоонун өзүнүн бир мыйзамы бар, бирде өйдө, бирде ылдый болуп тирүүлүктүн күнү өтө берет деген, алар дагы ошентип жашоонун агымына кирип жашоосун уланта берди. Азат менен Бекзат дагы боорукер балдар болуп өсүштү, кичи пейил, ак көңүл, ини-карындашын карап өз тирчилигин өткөрүп жаткан, тагасы аларга кээ-кээде келип кабар алып коет, ал ошого ыраазы, атасы жолукканда ар дайым Гүлайымды жамандап жатып калат, бүгүн дагы атайын келиптир.

- Апаң келип жатабы? - деди Азатка.

- Ооба келип жатат.

- Ыя балам, апаңды күйөөгө тийип алыптыр дейт го?

- Ким? - Азатка бул сөз абдан катуу тийди.

- Ой эл деген бар да, укпай көрбөй коймок беле?

- Ата, сиз өзүңүздүн жашооңузду тандап алгансыз, апамда кандай ишиңиз бар, тийсе тиет да, - деди жини келе, бирок өзү жаман абалда калды.

- Силерди таштап коюп эрге тийгенди ким коюптур ага?

- Тие берсин, сиз жыргатып койдуңуз беле? - деп ары басып кетти.

- Мейли, өзүңөр билесиңер да, - деп атасы дагы басып кеткенде аны артынан карап туруп: "Мен ушул адамдан туулганыма жийиркенем, апамдан кеткен күндө дагы ага асылганын койбойт, эмнеге апам күйөөгө тийбейт, эгерде өзү күйөөгө тием десе мен каршы болбойм, бизди багып чоңойтту, эми ал дагы жашашы керек да, али жаш эмеспи, ушул кыска жашоодо ал деле адамдай өмүр сүрүшү керек", - деп ойлонуп алып үйүнө кирип телефонун алып сыртка чыгып кетти, ал Гүлайымга телефон чалмак болду.

- Апа кандайсыз? - деди ал дароо эле, - Ден-соолугуңуз жакшыбы?

- Ооба балам, жакшы эле.

- Апа, мен бир сөз уктум, ошол чынбы? - деди Азат.

- Кандай сөз уулум, кимден эмне деди? - Гүлайым чоочуп соткасы түшүп кете жаздады, - Айт балам?

- Атам бирөөлөрдөн угуптур.

- Ошол сага айттыбы?

- Ооба апа, апа сиз мени уксаңыз, - деп Азат дымый туруп калды.

- Айта гой балам.

- Мен укканым чын болсо сизге ыраазылык берейин дегенмин.

- Ыя?! - Гүлайым көздөрүн чоң ача туруп калды.

- Ырас айтам апа, сиздин дагы жашоого акыңыз бар.

- Чынбы Азат? - Гүлайымдын көзүнөн жаш куюлуп кетти.

- Чын айтам апа, мен сизге каршы болбойм.

- Ыраазымын балам, садагам менин, аман-эсен болгонуңарды кудайдан сурайм садагаларым! - деп телефон өчкөндө отура калды.

- Эмне болду Гүлайым?

- Уулум угуп алыптыр, каршы эмесмин дейт.

- Чын элеби?

- Ооба, - Гүлайым жаштуу көздөрүн күлүңдөттү.

- Алтыным десе, сендей аял тарбиялаган балдар дал ушинтээрин билгем.

- Ырахмат мактооңо.

- Мына, баардык маселе чечилди, - деп экөө тең кубанычтуу отуруп түшкү тамакты ичип жатты. Атабек өз турмушуна ыраазы, түрмөгө барып келгендердин көбү өз ордун таба албай, жада калса жанын бага албай арак ичип жол-жолдо түнөөргө үйү жок ар кайсы жерде жүрүп калышат эмеспи, бул өзүн кармап, кечээги өзүнүн ким экенин ойлонуп жашоосун ордуна кое алды. Болбосо далай эле түрмөгө отуруп чыккан аялдар менен эркектер айланчыктап аны менен жүрүштү, алар менен бирге ичкен күндөрү да болду, ошолордун ичинен өзүн сууруп чыгып адамча жашоого бет алды. Гүлайым ишенип-ишенбей кубанганынан эмне дээрин билбей калды, чынында мындайды күтпөгөн эле, кызынын таарынаарын эстеп, аны качып кетеби деп чоочулап жүргөн: "Кайдан угушту экен, атасы түшүндүргөн го, бирок ал антпей калсын, Азат мени сынадыбы, эмне дээр экен деп ойлодубу, укканда кандай абалда болушту экен, кудайым ай, кайдан дагы макул боло калдым эле, эри жок эле жүргөнүм жакшы эмес беле, элдин кулагы узун дегени чын экен да, билип-билбей сүйлөй беришет", - деп ойлонуп жатты. Соода жасап жаны тынбай ар сезондун кийим кечесин алып келип контейнери жык толгон, жок эле дегенде миллионду чапчыйт. Бейшемби күн болчу, адаттагыдай эле экөө эки жактан соода кылып жаткан.

- Ай Гүлайым кандайсың? - деген тааныш үндөн карай койсо мурунку абысыны экен.

- Жакшы-жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, сен эле жоксуң, - деп шакылыктай күлүп калды.

- Шарт ошондой болуп калбадыбы.

- Иштер кандай анан.

- Көрүп турганыңдай.

- Көрдүм-көрдүм, - Жамийла Атабек жакты карап көзүн кыса, - Тиги күйөөңбү? - деди.

- Мм, - Гүлайым ойлоно Атабекти саамга карады да: "Эмне болмок эле, айтса айтып коеюн", - деп ойлонуп, - Ооба, - деди.

- Куттуктайм, жакшынакай киши экен.

- Рахмат, - Гүлайым кардарларга алаксый түштү.

- Ай Гүлайым, деги ырас эле болуптур кетип калганың.

- Эмнеге?

- Акем жыргап кетти дейсиңби, аялы экөө ээрчишип ичип оңуп калышты, эл наала кылып жатат, сени мактап жакшы аялын кетирип жаңылды дешип, - деп Жамийла эбиреп жебиреп жатканда Гүлайым анын сөзүнүн бирин укса, бирин укпай соода кыла берди, анын чынында колу бошобойт, соода учурунда оптом товар алгандарга жаңылбай эсептебесе болбойт, Жамийла аны кайдан түшүнсүн, өзүнө көңүл бурбаганына жиндене: "Тим эле киши тааныбай калган тура, мына мунун баары өзүнүкү болду бекен, укмуш болуп байып кеткен го, же күйөөсүнүкүдүр, ай ушу күйөөгө тийбей эле жашап жүрсө керек, шаарда андайлар толуп жатпайбы, өзү да толуп алыптыр", - деп аңкая контейнердин ичиндеги жыйылган товарларды уучтап миң сомдуктарды фартугуна салып жаткан Гүлайымды карап көпкө туруп калды.

- Жамийла, кечирип кой, сени менен сүйлөшө албай жатам, соода кылбасам болбойт, бүгүн оптовый ден, - деди Гүлайым ага карап.

- Мйли-мейли, сен соодаңды кыла бер, мен кетейин, - деп Жамийла ага жылмая карап кетмек болуп кайра кайрылды, - Ой ушунун баары өзүңөрдүкүбү ыя? - деди.

- Ооба, өзүбүздүкү да.

- Ийи, жакшы экен, мейли анда, - деп басып бара жатып кылчаңдап кетип жатты, ал айылда кара жаак Жамийла деген атка конгон, айылда кандай жамандык же жакшылык болсо биринчи угуп үймө-үй кыдырып айтып чыкмай адаты бар. Эми Гүлайымды мурда каңырыш укса чынын билбей туруп апыртып айтып бараары чын. Аны Гүлайым жакшы билет, ошентсе дагы ага чындыкты айтып отурат: "Айтса айтсын, калпты кошуп айтса күнөөсүн өзү көтөрөт, кудай калыс эмеспи", - деп ойлоду ичинен. Кечке чейин колдору бошобой товар сатып кечинде үйүнө келип санашат акчасын, күнүңкү пайдасын бөлүп эсептеп товарга керегин өзүнчө кылып бекитишет. Жайында соода бир аз солгундай түшөт, күз келгенде окуучулар мектепке бараарда товарды ошого тууралап алышты эле буйруса жакшы болуп берди.

- Кудай буйруса быйыл үй алалы ээ Гүлү? - деди Атабек кабагы ачык көңүлдүү карап.

- Буйруса алабыз, - Гүлайым аны ойлуу карады, - Же быйыл кое туралыбы, биротоло жакшыраак үй алганыбыз дурус го?

- Ошентсе ошентели.

- Быйылча батирде туруп туралы.

- Мейли алтыным, сен айткандай болсун, сен жөн жерден айтпасыңды билем да, айтканыңда калет жок, жакшы үй алганыбыз жакшы эмеспи, - деп кеңешишти. Телефон менен сүйлөшүп турганы менен балдары да, Асел дагы келбеди, Гүлайым окууга кирээрде өзү барды да баарына кийим-кече, небересине коляска алып барды балдарына акча берип анан маңдайында отурду, аркы беркини көрүп калган Азат апасынын толуп, көркүнө чыга түшкөнүн көрүп ичинен кубанып алды.

- Апа, - деди анан чогуу отурганда, - Сиз биз үчүн керексиз, бала катары айтаарым сизге уруксаат...

- Ыраазымын балам, мен кайда болсом дагы силерди таштабайм, эми эмне дээримди дагы билбей калдым, - Жер карап улутунуп алды.

- Мейли апа, биз сизге ыраазыбыз.

- Садагаларым десе, буйруса жазда үй алсак анан Аселди колума алайын, кыз бала өзүмдө болсун, Бекзатты болсо үй алгандан кийин үйлөнтөбүз.

- Ооба, мен деле ойлонуп жатам, үйлөнтпөсөк болбойт, колоктоп бош жүргөндө эмне.

- Азат, Бекзатты деле соодага салбайлыбы, ушундай эле балдар соода кылып жатпайбы, көнүп кетет, - деди Гүлайым.

- Апа, соода жасаса жасайын, кантип эле иштей албай калайын, өзүмчө соода кылам, - деди Бекзат агасын карай, - Жерди өзүң иштете бер да, мен шаарга кете берейин.

- Мейли, өзүңө туура келгенин кыл, - деди Азат, ошентип алар кеңешип отуруп Бекзатты шаарга алып кетип өзүнө жардам берип жүрүп анан өзүнчө бөлүп койду. Бекзат соодага баш оту менен киришип тырышчаактыгы менен жакшы иштей баштаганга Атабек менен Гүлайым кубанып калышты, антип минтип соода менен алаксып, кечке базарда болуп, кечинде үйгө бут тарта албай келип кардын тойгузуп жатып алышып убакыт билинбей өтө берди. Кыш чилдесинде, жазгы суукка чыдап соодада жүрүп жай келгенде бир-эки күн эс алмак болуп үй издеп калышты, акыры үй дагы табылды, болгондо дагы эки кабат үйдү алмак болуп азыраак акча жетпей калганда эки айда беребиз дешип көчүп келип алышты. Ошентип үйлүү да болушту, Асел келгенде Гүлайымдын төрөөр күнү жакындап калган, көп өтпөй эле кыз төрөп алды, Асел өтө элпек, турмуштун оорчулугун көрүп жашында такшалып калган. Кыз төрөгөнүнө Атабек аябай кубанды, ал арада Гүлайым үйдө болуп калып сооданы Атабек өзү жасап жатты. Бекзат товарын көбөйтүп бара жатты, ага Гүлайым кубанып жүрдү ичинен: "Окубаса дагы соодага көнүп тың жашаса болду, өздөрүн өздөрү бакканга жарап калышты", - деп көңүлү тынып калды. Ошол арада Үсөн менен Бактыбек үй-бүлөөсү менен келип алар эми үйгө киргенде Гүлайымдын телефону чыр этти, ала койсо Азат экен, Гүлайым Атабекти карап калды.

- Эмне болду? - деди Атабек.

- Азат дагы келе жатыптыр, даректи сурады.

- Келгени жакшы, Бекзатты жибер, тозуп келсин.

- Алар такси менен экен, - Гүлайым кайра чалып даректи айтып берди, Атабек шашылыш кой сатчу үйгө Үсөндүн машинасын айдап жөнөдү, ошентип Гүлайым менен Атабек балдарын чогуу коноктошуп маңдайлары жаркып кубанып отурушту. Үсөн менен Азат, Бекзат, Бактыбек бири-бирине жакшы маанайда болуп жакшы баарлашып отурушту, келиндер дагы өздөрүнчө сүйлөшүп кайненесине жардам берип отургузуп коюшту. Алар чогулуп келгенде кызына он күн эле болгон, бака-шака болуп отуруп кыздын атын Жазел коюшту.

- Апал укпай калдыбы? - деди Атабек кызы жок оңкулдап.

- Алар деле келмек, күйөөсү ооруканада, кийин келишет.

- Ка-ап, чогуу болсоңор жакшы болмок, минтип бири-бириңди көрүп таанышып алганыңар жакшы болбодубу, жолдон көрүшүп калсаңар тааныбасты сыйлабас болбой учурашып жүргүлө, - деди Атабек, - Эми силер бир туугандай болгула, Гүлайым экөөбүздүн көзүбүз тирүүсүндө бизге баарыңар балабызсыңар.

- Ооба ата, мен дагы ошондой деп ойлойм, эми биздин Жазел деген карындашыбыз бизди бириктирип турат, - деди күлүп Үсөн.

- Айланайындар, мен ушу Азат менен Бекзаттан кем көрбөйм, бири-бириңди сыйлай жүргүлө, - деди Гүлайым.

- Апа, биз эми бала эмеспиз да, баарын түшүнүп да калдык, бу дүйнөдө пенденин бири-бирине саламдан башка карызы жок экен, - деди Азат, - Ал эми биз сиздердин аркаңыздар менен бир тууган болуп калбадыкпы, демек биз бири-бирибизге карызбыз, - дегенде баары аны карап калышты, - Эмнеге деген суроону баарыңыздардан көрүп турам, - Азат күлүп койду, - Эми биз бир туугандар кандай милдеттүү болсо дал ошондой милдеттүүбүз жана акылуубуз, бири-бирибизге жөлөк болуу парзы бар мойнубузда, бул дагы биздин карызыбыз, - дегенде Атабек ыраазы боло күлүп калды:

- Эң туура Азат, туура айттың, азамат балам сен мени кубантып койдуң, силердей уулдарыбыз турганда биз бактылуубуз.

- Ооба ата, Азат эң туура айтты, биз эми бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуубуз керек, көргөн эл суктангыдай болсун, - деди Үсөн, ошентип алар бир үй-бүлөөдөй, бирге өсүп чоңойгондой ачык маанайда отурушуп эртеси чогуу өздөрүнчө шаарга чыгышты, Атабек Азат менен Үсөндү чакырып экөөнө тең беш миң сомдон берген, ойноп-күлүп келгиле деп. Алар кафеге кирип, сүрөткө түшүшүп кечке базарлап келишти, үч-төрт күн бирге болуп анан коштошуп үй-үйүнө кайтышмак болуп жатканда Үсөн:

- Азат, эгерде туура көрсөң биздикине баргыла, - деди.

- Үсөн сен менден бир жашка улуу экенсиң. Улуулугуңду кылып биринчи кадам таштаганыңа ыраазымын, азыр болбойт, ар бир нерсенин өз убагы болот, шарты менен баралы, - деди Азат.

- Макул эми, өзүңөр билгиле, телефон номериңерди алыштык, кабарлашып турабыз.

- Жакшы жетип алгыла, - деди Үсөн.

- Өзүңөр дагы аман-эсен жетип алгыла, - дешип коштошушту, алар кеткенден кийин Азат аялы экөө дагы жолго чыгышты. Атабек менен Гүлайым бакыбат турмушту башынан кечирип өмүрдүн кызыгы эми гана башталгандай болду, көңүлдөрү тынып кичинекей наристесин колдоруна алып алмак-салмак эркелетип оңуп калышты. Асел болсо мектепте окуп жатат, акыл-эстүү, сабакты жакшы окуйт, таза тыкан кийинип барган жаңы окуучу кандай мектепке болсо дагы чоочун экени билинип калат, азыркы кездеги мектептерде окуучулардан криминал чыгып жатышпайбы, айрыкча кыздардын чектен чыгып бара жатканы белгилүү жетинчи класста дагы ошого окшогон кыздар бар эле. Адеп барган күнү эле Асема деген кыз Аселге тийишип кирди:

- Карасаң, бизге бир кыштактын кызы келиптир, - деди жанындагы кызга көзүн кыза, - Жүрү танышып коелу.

- Албетте таанышуу керек, - деди Камиля.

- Жирный болсо керек? - деди үчүнчүсү Зуля, - Үчөө чоочуркай ары жак, бери жакты карап турган Аселдин жанына келишти.

- Салам! - деди Асема өзүн көрсөтө керсейип.

- Салам, - Асел жылмая карап жооп кылды.

- Салам.

- Салам, - Камиля менен Зуля дагы сынай карашты.

- Сен жаңы келдиңби? - Асема аны бутунан башына чейин карады.

- Ооба.

- Атың ким?

- Асел.

- Оо, таттуу атың бар экен, бул Зуля, тигил Кимиля, мен Асема.

- Жакшы, таанышканыма кубанычтамын.

- Ал эми биз кубанган жокпуз, - деп күлгөндө Асеманы коштоп берки кыздар дагы каткырып калышты, - Сен жирный окшойсуң, чөнтөгүң калың болсо гана кубанабыз.

- Мен эмне дегениңе түшүнбөдүм, - Асел ызалуу унчукту.

- - Түшүнбөсөң түшүнүп ал! - Асема анын маңдайына келип сөөмөйү менен көкүрөккө сайгылады, - Күндө бизге жүз сомдон салык төлөп турушуң керек уктуңбу?

- Эмнеге, мен андай акчаны кайдан тапмак элем?

- Иш-шо как табасың, эгерде куру кол келсең бул жерде окуйм деп ойлобо!

- Мен силерди эмес мугалимди угам, - деп Асел басып кетмек болгондо Асема аны карыдан аткый кармаганда колу ооруп кеткен Асел аны жалт карады, - Эмне деген тартипсиздик?!

- Эмне, сен мени тартипке салгың келеби?

- Сендейлер менен сүйлөшкөндөн жийиркенем, бул мектепте сага орун жок, сендейлер көчөдө болушу керек! - деди да жулкуп колун бошотуп алып мектепке кирип кетти, Асема, Камиля, Зуля үчөө бири-бирин карап кала беришип сабак башталганда класска киришти. Асел Жанетта деген кыздын жанында отурган, анын жанынан өтүп бара жатып Камиля түртүп өттү, аны байкаган Жанетта:

- Унчукпай эле кой, булар ушундай, класска жаңы окуучулар келсе эле асылып калышат, - деп шыбырады.

- Мен аларга баш ийбейм.

- Сак бол, алардын эркек "кайкалары" бар.

- Болсо боло берсин, - деген Асел кекенип алды ичинен: "Мени ээн жердин эркин бөрүсү дейт, кыз болсом дагы силерге алдырып мыш болуп калбайм, керек болсо мага эсеп берип тура турган болосуңар", - деп ойлонуп отурганда класска мугалим кирди. Асел келген күндөн баштап эле сабактан кандай экенин көргөзө алды, такылдап жооп берип, математикадан дагы жакшы билээри белгилүү болду. Бир күнү анын жолун дагы Асемалар тозуп алышты:

- Ээй, сен эмне кыйынмын деп жүрөсүңбү? - деп алдын тосту Асема.

- Сага кандай сезилсе ошо!

- Оозуңду жаап калчы кыштак!

- Кыштактын кыздары сага караганда маданияттуу!

- Ха, сенби маданияттуусу?

- Ооба, сени көрүп шаардыкка караганда айылда ыймандуулук менен маданияттуулук жогору экенин билдим, шаардын кыйыны сенби?

- Акмак, тилинин узунун, - деп Аселди Камиля келип жаакка чаап жиберди, Асел жини келип аны түртүп ийди, үчөөлөп Аселди уруп киргенде сумкасын ыргытып жиберип үчөөнү үч жакка тээп, чаап кирди, экөө ага жакындай албай ары качты Асема аны менен кармашып калганда Асел аны чачынан тартып жерге жыкты да:

- Кана, менден налог аласыңарбы?! - деп үнүнүн барынча бакырды, - Силер келбейсиңерби, досуңарды куткарбайсыңарбы, же достук деген акча менен гана бааланабы силердин оюңарда?

- Асел кое бер мени, кое бер дейм! - деп Асема бакырып жатты.

- Кое бербейм, экинчи менин алдымдан чыкпайм деп сөз бергиле.

- Камиля, Зуля! - деп бакырды Асема, алар жакын келгенде, - Асел мен сага сөз берем, кое бер мени, достошолу, - деди жалдырай.

- Болуптур ишенейин, - Асел аны кое берип сумкасын жерден алып ийинине илди, - Мен силерге эчтеке дебейм, бирок силерге баш ийип да бербейм, экинчи менин жолумдан чыгып же тийишсеңер аябайм! - деп басып кетти, үчөө бири-бирин карап туруп калышты, ошондон кийин алар Аселге үн катпай калышты, Жанетта аны байкап:

- Асел, тигил үчөө созулуп калыптыр да? - деди жылмая.

- Тарбия алышкан го?

- Ким тарбиялап койду экен?

- Ким билсин? - деп Асел тымызын күлүп койду, Асел биринчи чейректе эле жалаң бешке окуду, мугалимдер аны жакшы көрүп экинчи чейректе вице президент коюшту класска. Асема намыстанганы менен өзү сабакты жакшы билбейт, ата-энеси Россияда соода кылып ай сайын акча жөнөтүп окуусунан өксүбөсүн дегенин сезбей бурду жок жумшап, эмитен балдар менен сүйлөшүп, улам телефон жаңыртып өзүн-өзү билчү. Таежесине баш ийбей басып кетип кала турган, он бештеги кыздан ким муну күтөт. Аселдин айткан сөзү аны бир топ ойлонтту, ойлонуп көрсө чын эле ыйман деген эмне экенин дагы билбейт экен. Үчүнчү чейректе дагы сабактан артта калды, Асел болсо жалаң бешке окуп жатат, бир күнү танаписке чыкканда Жанетта менен турса басып келди Асема:

- Асел, мени кечирип койчу, - деди башын жерге сала.

- Эмнеге, сенин күнөөң кайсы? - Асел жылмая карады.

- Билем, күнөөм бар, кел кечиришип достошолу ээ Жанетта?

- Жарайт, достошкон жакшы да, - деди Жанетта.

- Кел анда, дос бололу, - деп Асел колун сунду, Жанетта, Асел үчөө ошентип турганда Камиля менен Зуля келип алар дагы кол беришип достукка шерттешти. Ошондон тартып мектептеги криминал басаңдай түштү, бирок Асемадан эсеп алып турчу чоң класстын кыздары аларды кысмакка ала баштады, өздөрү билгизбей төлөп жатып тажай баштады, ошондо Асема Аселге сырын айтты.

- Бизди ошолор кыстап жатат, мурда биз чогултуп берчүбүз, - деди.

- Алар кимдер?

- Мен сага көрсөтөм.

- Макул сүйлөшүп көр, - деди Асел бойлуу арыкчырай ак жуумал кыз, бирок кичинесинен эркек балдар менен өскөнгө алар көтөргөн штанганы ал да көтөрүп, гимнастиканы телевизордон көрүп туурап жүрүп мушташканга дагы көнгөн, айылда жүрүп дагы эркек балдар менен мушташып кетчү. Арадан бир жума өткөндө Асема Аселге келди:

- Бүгүн бизди Нази деген он биринчи класста окуган кыз чакырды.

- Каерге?

- Сабактан кийин жолугушубуз керек, - деди Асема.

- Мен силердин артыңардан барам, - деп Асел коңгуроо болгондо сабакка кирип кетти, сабак бүткөн соң кездешчү жерге жөнөштү, ээн, бүтпөгөн эски курулушка Асема, Камиля, Зуля үчөө кирип кетишти, ошол күнү физкультура болуп Асел спортивкачан болчу, акырын акмалап карап турса узун бойлуу кара тору толугунан келген кыз үчөөнү тең жаакка чаап бөйрөгүн таяна айлана басты:

- Эй салбаштар! - деди ал сөөмөйүн кезей, - Мурдун тарта албаган кыштактык кызга баш ийип калдыңарбы?! - Жерди бир тээп үчөөнү дагы чапты, - Мага көрсөткүлөчү ошол суу мурунду!

- Келип калат, - деп Асема бош унчукту.

- Кана?! - деп бакырганда үчөө тең солк этип жазганып кетишти.

- Мен мына! - деп Асел чыга калды, - Мен кимге керек болуп калдым экен?

- Ии-ий суу мурун кыштактык, өзүңдү ургаачы жолборс сезген немесиң го? - Эми тиги Нази дегени Аселдин маңдайына келди, - Кана сүйлөчү!

- Сен сура, мен жооп берем.

- Ошондойбу? - Нази Аселди тикирээ тиктеди.

- Ошондой, - Асел жалтанбай көзүнө караганда Нази бултуйган денеси менен ары бурулуп бир кадам жылды да күтүлбөстөн берип карап сол колу менен Аселди кулак түпкө бир койгондо ал жерге күп эте түштү, берки кыздар ооздорун колу менен басып көздөрүн алайта карап калышты, Асел дароо тура албады, адегенде эмне болуп кеткенин баамдай албай эки жакты карап анан кийимин күбүнө өйдө болду.

- Кандай, өлгөн жоксуңбу? - деди мылжыңдай күлгөн Нази.

- Сенден өлө койбойм, - Асел ага басып келди, - Мындай мамилеге биз мындай мамиле! - деди да аны тээп жибергенде Нази бул кыздан мындайды күтпөгөнгө байкоостон чалкасынан түштү, эми оор неме катуу тийгенге көзү караңгылай жатып калды, Асел анын жанына келди да, - Тирүүсүңбү? - деди.

- Ооба, - деди Нази араң эле.

- Ургаачы жолборс экенимди эми билдиңби?

- Мактанба, дагы сынашабыз, - деп ордунан зорго турду да кайра Аселге жакындады, - Сага мушташты мен үйрөтөйүн, - деп колун көтөрүп келе жатканда Асел анын колун кармап туруп артына кайрып:

- Кана үйрөтпөйсүңбү? - деди, бирок онтологон Нази үн дебеди, - Сүйлө, эмнеге унчукпай калдың, азыр ата-энеңди чакырайынбы?

- Асел болду, алардын күнөөсү жок.

- Анан кимде күнөө?

- Менде, менде күнөө.

- Экинчи жолу Асемадан акча талап кыласыңбы?

- Жок, кое бер мени, бул жерден кетем, - деди жалдырай, ал жалгыз келген болчу, негизи төрт кыз, Асемаларды атайын балдар-кыздардан акча чогулттуруп анан төртөө тамеки чегишчү, вино ичип балдар менен жүрүп анан үйүнө ар кандай шылтоо айтып барчу. Ата-энеси бар, апасы Россияда, атасы таксоват этип үч баласын бакчы, улуусу ушул Нази, инилери дагы өз-өзүнчө эптеп күн өткөрүп кечинде чогулуп калчу. Бүгүн ал аябай ызаланды, ыйлагысы келип турду.

- Ата-энең барбы өзү? - деп сурады Асел.

- Бар.

- Кайда жашайсың?

- Аламидинде.

- Сенин минтип жүргөнүңдү билбейби алар?

- Жок.

- Жогол, кыз деп атоого болбойт сага окшогонду, эне болосуң сен дагы, ошондо энеңдин эмгегин, апаңдын сен үчүн эл алдында уят болгонун түшүнөсүң, - Асел аны кое берип Асемаларды ээрчитип ал жерден чыгып кетти.

- Азамат Асел, шаардагы кээ бир балдар дагы сендей боло албайт, - деди Асема күлүп, - Мисалы мен өмүрү мушташып көргөн эмесмин.

- Мен дагы, - деди Камиля, - Уруштан корком.

- Мен деле корком, бизде тил гана бар, коркокторду коркутуп алып чоң боло беребиз, - Зуля дагы сөзгө аралашты.

- Чынында биз андай ойду билбейт элек да, бизди Нази коркутуп эле настаивать этип акчаны бизден алышчу, - деди Асема.

- Болду кыздар, эми эч кимден коркпогула, сабагыңарды окуп гана жүрө бергиле, - деди Асел, - Билесиңерби, ата-эне биз үчүн эмнелерди гана жасабайт, биз ата-эненин мээнетин, апабыздын ак сүтүн өмүр бою актай албайбыз.

- Асел, сен чынында акылдуу экенсиң, биз бул жөнүндө эч ойлобоптурбуз, - деп Камиля суроолуу карады.

- Менин бир чоң энелерим бар болчу, ошол айткан, энеңерди сыйлагыла, эне баланын бактысы деп, чын эле карап көрсөң энеси жоктор кандай азап чегишкенин, жетимдер үйүндө жалдырашып: "Кимиси мени балам деп алып кетээр экен", - деп жүрүшөт, - деп Асел ойлуу аялдамага келгенче айтып берип анан кыздар менен коштошту да үйүнө кетчү маршруткага түшүп кетип калды. Ал сабагына даярданып, анан Жазелди көтөрүп апасына жардам берет, анан кечкиге тамак жасайт, үстүңкү кабатта азырынча мебел жок, алдыңкы кабатты толтуруп алышкан. Атабек кечке чейин базарда, Бекзат кечке маал ага жардам берип контейнерин жабышып кулптап анан чогуу келишет, ата-баладай мамиледе, кээде тамашалашып да калышат. Бекзат өзүнчө: "Атам эмнеге ушу кишидей болуп калбады экен, ичип апамды урушуп башка аялга кетпегенде биз деле чогуу болмокпуз", - деп ойлонуп алат, бирок ал оюн билгизбейт...

Бактыбек кадимкидей чоң кишидей үй-бүлөөнүн камын көрүп ата болгонго аялы менен кызына үйрүлүп түшүп турат. Марлес кокусунан алдынан чыга калса жаркылдай учурашып калат, ортолорунда эч нерсе болбогондой тим эле, ан сайын ал андан тымызын уялат.

- Улук болсоң кичик бол деген ушу да, канчалаган жаман сөздөрдү укканына карабай жакшы мамилесинен жазбайт, - деди бир күнү үйүндө отуруп, - Биз туура эмес кылыптырбыз, бөксө аяк толуп, адамдын кемтиги бүтөлгөн кез да болот экен, жаштык кылган экенбиз.

- Ой ошого эмне анчалык уяласың аке, ал ким болуп кетиптир? - деди Эрнис моюн толгой, - Ал атасы экөө али биз менен эсептеше элек.

- Болду! - деди Марлес инисине катуу, - Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деп илгеркилер бекер айткан эмес, сен алардан эсеп сурап мени уят кылсаң ата-энебиздин арбагы кечиреби?

- Аке, анан алар минтип ата-бала болуп чыга келишсе, биздин атабыз ошол үчүн кара жерди жамынып жатса жиниң келбейби?

- Кудай бар таразалай турган, сенин оозуңдан экинчи мындай сөз укпайын, эгерде жаман ишке бара турган болсоң бир тууганым деп карабайм, - деди ачуулана. Эрнис башын жерге салып унчукпай калды, алар баягыдан ирденип калган, эгин айдап түшүмүн күздө сатып акчасына мал сатып алышат, саманын коротпой жыйып коет.

- Болуптур аке, сен айткандай болсун, - деди көптөн кийин, Жайнагүл аларга тамак алып келди, ал үчүнчү баласын төрөгөнү турган.

- Айым жакында калды, сен качан үйлөнөсүң ыя, минтип кыйналып жатканда келин жумшабайт белем, - деп очорула отуруп калды.

- Эми аны силер билесиңер да, алып кел десеңер азыр деле...

- Сен жакшылап сүйлөш да, жеңең экөөңөр баягыдай кылбагыла, - деди Марлес аны сүйлөтпөй.

- Ал чын дилден эмес болчу да.

- Эй акмак, сен бирөөдөн өч алам деп бирөөдөн өлмөксүңбү, атасы сени соо коймок беле? - деди ачуулана, - Сенин оюң менен болгон мына бул дагы айбан.

- Мен эмне кылыптырмын, жардам берейин дедим да.

- Ошентиппи, кыз силерге оюнчукпу же?

- Сүйөм-күйөм десе ишендим да, мен кайдан билем?

- Өткөн иш өттү, мындан кийин мааниси жок ишке урунбай жүргүлө.

- Болду кожоюн, экинчи мындай болбойт.

- Эрнис, бизди эл карап, көрүп турат, бирдеме болсо эле сөз кылып киришет, баягынын балдары эси жок болуп калды дешет экен, мен дагы жаштык кылып малдан түк калтырбай сатып туура эмес кылыпмын, - деп үңкүйдү Марлес.

- Ал өтпөдүбү, мына курап жатабыз го?

- Сен үйлөнсөң эл катары той жасоого кудуретибиз келеби, балдар дагы чоңоюп келе жатат, адамча жашоого аракет кылуубуз керек иним, Мырзабек менен Мааданбекти эл билет, ошолордун арбагын сыйлашыбыз керек, - деп Марлес күйүп бышып жатты, алардын кабатыр болууга жолу бар болчу, беш-алты жандык, бир кунажын менен эч нерсе бүтмөк эмес. Ошентип ары тартышып, бери тартышып отуруп Эрнис шаарга кетмек болду, иштеп келгени бармак, бирок анын жан дүйнөсүндөгү тынч албаган кек алуу бир аз өчкөнү менен баары бир оюнда турчу. Шаарга келип тааныштарына жолугуп жумуш таап иштеп калды, бош күндөрү паркка барып эс алмай, кайра келип батирине жатып калат. Бир күнү ал айлыгын алып сактоочусун катып коюп эс алмакка көчөгө чыккан, жолунан бир кабанаак ит чыга калып алды-артын карабай жүгүрүп бара жатып бир кызды коюп кетип өзү аны баса жыгылды:

- Уятсыз! - деп кыз аны жаакка коюп жиберди.

- Кечирип коюңуз чоң кыз, - Шашыла кыздын үстүнөн тура калды, өтүп жаткандардын кээси таңгалса, кээси ал экөөнү токтоп туруп карап күлүп жатышкан.

- Көзүң жокпу? - деп кыз өйдө болоюн дегенде көйнөгү ылайланган суу болуп калганын көрүп баса албай калды, - Уятың жок экен, мен кечеге бара жатканмын, эми кантем? - деп ыйламсырап ийди кыз.

- Кечирип коюңуз, мен иттен коркуп эле...

- Эмне?

- Кабанаак ит бош экен, ошондон качам деп эле уруп кетпедимби.

- Кайсы ит? - деп баланын артына көз жиберип каткырып ийди, - Тигил ит эмеспи? - деди күлүп оозун баса, Эрнис карай коюп кыздын артына өтө качты:

- Аа-а!

- Ал менин итим, - деген кыз күлүп итти көздөй басты, - Жүрү Мишка, мен эшикти жаппай унутуп калсам чыгып кеткен экенсиң да, жүрү, жүрө гой.

- Сенин итиң беле? - деди Эрнис дагы эле чоочулай.

- Бул каппайт, эшик ачык калса эле чыгып кетет, - деп итти мойнундагы жибинен жетелеп жөнөдү.

- Ээй чоң кыз, жок дегенде атыңды айтып койбойсуңбу? - деп Эрнис иттен коркконунан жакындай албай турган жеринен кыйкырды.

- Атым Эля!

- Меники Эрнис.

- Жакшы-ы, - деп коюп жакын жердеги бак-шактуу заңгыраган үйдүн короосуна кирип кетти.

- Эля, Эля экенсиң да, таанышуубуз кызык болду, - деп өзүнчө сүйлөнүп алып кетип бара жатты, негедир кыздын ачуулана бакырайган көздөрү анын көз алдынан кетпей туруп алды: "Байдан кызы болсо керек, акыры табамын сени", - деп коюп жолдо кетип жатты. Ал күнү бир аз площадда айланып жүрүп анан батирине келип жатып алды, ошондон баштап баягы Эля кирип кеткен үй анын көзүнө жакшы көрүнүп карап өтөт, эки-үч ай өткөндө айылга барып топтогон акчасын Марлеске берип кайра кайтты, чынында ичкилик ичпеген, тамеки чекпеген бала, жумушунда дагы ал кичи пейил элпек, ошондуктан аны жакшы көрүшөт: "Күзгө чейин иштесем жүз миң топтоп коет экенмин, анан камынып үйлөнүшүм керек, отузга келип калдым, бойдок жүрүшүм болбойт", - деп ойлонуп жатты. Бирок тагдыр деген аны кокусунан кайсы суунун агындысына чайкап кандай жээкке алып барып коерун ким биле алат? Күзгө таяп калган, бир үйдү бүтүп кырк миң сомду чөнтөгүнө салып алды да өзүнө кийим алмакка базар кыдырып жүрүп Атабекти көрүп калды, Бекзат экөө товарын жыйнап жаткан: "Ушул жерде экенсиң го, атам жер алдында чирип жатса сен минтип чардап жүрөсүң, мен сенден атам үчүн өч аламын", - деп элдин шары менен ары-бери өтүп карап коюп жатты. Атабек аны тааныбайт, эрте жыйнап кетмек болушкан, базарда али эл көп, түш ооп калган мезгил эле. Эрнис бир нерсени эстей калды, жанараак эле бычактарды саткан жерди көргөн, жүгүрүп барып таппай калды, анан ары бери жүгүрүп жүрүп бир жерден кандуу бычактарды көрүп бирин алды, ал кымбат эле, бирок ага карабады: "Мен муну бүгүн жайлап тынам", - деп ойлоп кындын ичиндеги бычакты кагаз менен кармап алып жеңине катты да акмалап Атабектин контейнерине келсе алар кулпулап жаткан экен, алысырак туруп калды:

- Бекзат, мына бул кулптун ачкычы сынып калды, кулп алып келе койчу. - деди Атабек.- Азыр, - деген Бекзат жүгүрүп кеткенде ары карап турган Атабекке Эрнис жакындап келе жатты, бир кадам калганда бери карап калган аны дароо сайып жибергенде өтүп бара жаткан эки-үч аял кыйкырып качып калды:

- Киши өлтүрдү, киши өлтүргү-үч! - деп жүгүрүп бара жатканда Эрнис коркуп кетип бычакты сууруй албай туш келди качып баратты, ошол учурда алдынан чыккан охрана анын кийимине тийген канды көрүп эле кармап калды. Бекзат келип Атабекти көрүп бакырып ийди, охрана Эрнистин колуна кишен салып алардын жанына келди:

- Бул эмеспи? - деди Бекзатка карап.

- Мен көргөн жокмун, - деди Бекзат ыйлап.

- Срочно тез жардам, Дордойго давай киши өлтүрмөк болду, - деп охрана өзүнүн байланышкан аппараты менен сүйлөшүп Атабектин ичиндеги сайылган бычакты көрүп баш чайкады, бычактын уңгусунда оролгон кагазды көрүп таң калды, анан үч-төрт милициялар келээри менен Эрнисти салып берди.

- Ушулбу? - деди бир милиция.

- Подозрения, так билбейбиз.

- Жарайт, биз кеттик, - деп алар жаралууну бир аз карап туруп анан тез жардам келээри менен чогуу кетишти. Эрнис танып кетмек болду бирок аны сураган тергөөчү эки-үч жолу өзөртө койгондо баарын айтып берди, анын жанындагы акчаларын, соткасын алып коюшту, Марлеске бул кабар жеткенде ал ого бетер ачууланып шаарга жөнөдү, аялдамага келсе Бактыбек дагы эки киши алып кетмек болуп жатыптыр.

- Кайда жөнөдүң Марлес аке? - деди ал.

- Шаарга, - деп анын жүзүн карай албай ары басты.

- Мен менен кете бер, сенден кантип алмак элем, тууган эмеспизби, - деп Бактыбек шашып жатканын айтты, Марлес жок деп анын шагын сындыргысы келбей отуруп жөнөп кетти, үн катпай келе беришти:

- Атамды кимдир бирөө бычак менен сайып кетиптир, - деди Бактыбек жолдон көзүн албай, - Акчасын алам деген го?

- Аман эле бекен анан? - деди Марлес араң.

- Ооба, ичине сайган экен, операция жасаптыр, көзүн ача элек деп айтышты, барып көрүп койбосок болбойт да.

- Туура кыласың, - деген Марлес: "Эмне кылсам экен, чынын айтып койсомбу, дагы ичи кетип калат го, чындыкты жашырганым болбос", - деп ойлонгуча Бактыбектин сөзүн укпады, - Бактыбек, - деди анан, - Мен сенден чындыкты жашырганым болбос...

- Эмнени? - Бактыбек артта отурган Марлести күзгүсүнөн карады.

- Атабек акени Эрнис сайыптыр!

- Ыя? - Бактыбек артын карай коем деп алдынан келе жаткан жеңил машинаны уруп кете жездап зорго буруп жолдун жээгиндеги арыктын кырына жетип токтоп калды.

- Абайлабайт белең? - деди Албина үрпөйө, - баланы уруп ала жаздадың.

- Коркпо, кудай сактасын, - деп Бактыбек өзүнүн муундары калтырап турганын билгизбей унаасын от алдырды, - Баланы бекем кармап ал.

- Бекем эле.

- Бактыбек, эми ар нерсени ойлоно бербей айда, - деди Марлес ага карай, - Мен Эрнисти айтканмын, болбой калганын карабайсыңбы, кечирип кой бизди баары үчүн.

- Жок-жок аке, кечиргидей эчтеке жок, мен Эрнис акемди ойлоп кеттим, камап койсочу аны? - деди кабатыр боло.

- Камасын ошону, - деди ачуусу келген Марлес.

- Атам аман болсо өзүм бошотом, - деди ойлуу Бактыбек.

- Тим кой азабын тартсын.

- Жо-ок, биз жоолашып кек сактабашыбыз керек, кандай болгон күндө дагы мен аны каматпайм, - деди ал, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, Марлес Бактыбектин кичинекейинен беркисин эстеп келе жатты, аны чынында көп эле кордошкон, бир үйдө жашап, бир казандан тамак жеп жатса дагы чоң энеси айткан сөздөрдү ага айтып түртүп, колго чаап, балдардын ичинде дагы аны шылдыңдаганы көз алдына келип: "Ошондо эле көрсө акылдуу тура, бир жолу мени урду деп айтчу эмес эле, эмнеге чоң энем эмнеге бизге ошондой сөздү айтып кайрады экен", - деп ойлонуп бара жатты. Кечке маал алар Бишкекке жетип келишти, Марлес байкатпай жол кирени отурган жерге коюп мерчемдүү жерге келгенде түшүп калды:

- Мен эртең ооруканага барам, - деди да жөнөй берди.

- Көрүшөбүз аке, - деп Баткыбек үн салды, алар ооруканага келгенде Атабек көзүн ача элек болчу, Үсөн менен Апал, Азат аялы менен Бекзат, Гүлайым болуп баары ооруканада эле.

- Атамдын акыбалы кандай? - деди Бактыбек жетип эле.

- Азырынча белгисиз, бычак суурулбай ичине кан толуп, ичегиси үч-төрт жеринен кесилип кетиптир, - деди Үсөн, Апал ыйлап отурган, алар топтошуп турганына беш-алты сааттай болгон эле, бир кезде Атабек жаткан операционныйдан бир врач чыкканда дүргүй ага жетишти.

- Атам кандай, жашап кете алабы? - деди Үсөн.

- Коркунуч жок, кан көп кеткен, кан куюу керек.

- Менден алышсын, - деди Үсөн.

- Мен дагы берем, - деди Бактыбек.

- балдар, адегенде каныңарды текшерип көрөлү, - деп врач экөөнү ээрчитип кетти. Текшерип көрүп экөөнөн тең алып анан жаткырып койду, жарым сааттан соң алар келип күтүп калышты, арадан дагы үч саат өткөндө Атабек көзүн ачты.

- Мен кайдамын? - деди ал алсыз.

- Сен ооруканадасың, кудайыбыз бар экен, аман калдың, - деп Гүлайым ыйлап турду, балдарынын баары тегеректеп турган, ар бири анын ал-абалын сурап, Апал атасын кучактап алып ыйлап жатты.

- Атакебай, сен аман-эсен эле жүрчү, өлө көрбө ата, сага азап берген немени каматуубуз керек, анын кудай жазасын берсин, - деп сүйлөп жатты. Атабектин көп сүйлөгөнгө акыбалы жоктугунан сестра аларды сыртка чыгарды.

- Эми гана өзүнө келди, көп сүйлөтпөгүлө.

- Жарайт, - деди Бактыбек, - Башкысы аман калганы.

- Ооба аман калса болду.

- Ким экенин билдиңерби? - деди Гүлайым Үсөн менен Бактыбекке.

- Жо-ок, кармашыптыр го, эми көрөбүз, - деди Үсөн.

- Кудай жазаңды бергир, кандай неме болду экен? - деп Гүлайым ыйлап жатты, ошондо Үсөн атасы өлтүргөн адамды элестетип: "Ошолор катуу каргаган үчүн атам жазасын алды, апам менен чоң энем өлдү, каргыштын жаман экенин мен билип отурамын, кереги жок бирөөнү каргап, анын дагы бей күнөө үй-бүлөөсү, ата-энеси бардыр", - деп ойлонуп Гүлайымга кайрылды.

- Жеңе, каргабай эле коюңузчу, ал жаман болсо бей күнөө үй-бүлөөсү менен ата-энесине кесири тийбесин, - деди акырын.

- Анан кантем балам, күйүп кетип жатпайынбы.

- Эч каргыш айтпаңыз, биз атамдан кийин билип калдык, ошондо ал адамдын үй-бүлөөсү дагы каргаган чыгаар, апам оорубастан жаш эле өтүп кетти, чоң энем өлдү, ошолордун каргышы тийгенби деп ойлойм, алар дагы каргагандыр, күйүп бышкандыр...

- Туура айтасың садага, - деп Гүлайым баятан бери оозуна келгенди сүйлөп жатканына уялып калды.

- Атам сакайып кетсе аны соттотпой эле коелу.

- Атаң эмне десе көрөлү...

- Ким, эмнеге сайганын билели да бошотуп коюшубуз керек, - дегенде Бактыбек бул сөздү угуп ичинен кубанды.

- Туура, бир себебин билет.

- Ырас айтасыңар балдарым, атаңар эле аман болсо болду.

- Мен силер мен сыймыктанамын бир туугандар, - деди Азат алардын жанына басып келип, экөөнүн ийинине колун кое, - Башкысы атабыз сакайып маңдайыбызга барса башканын кереги жок, кекти каапыр кектейт экен, биз атасын өлтүргөнгө энеңди алып бер деген кыргызбыз, илгертен эле ата-бабаларыбыз кунга көп маани берген эмес, болгону бай-манаптар гана элди көкүтүп турган да.

- Ооба, ошондой болгон экен, бизге атабыздын амандыгы керек, кектебейбиз дагы, - деди Үсөн. Алар ошентип сүйлөшүп турганда врач келди:

- Бул жерде күтүүнүн кажети жок, бириңер калып калганыңар кете берсеңер болот.

- Балдар, мен калайын, силер үйгө барып эс ала бергиле, - деп Гүлайым тигилерди карады.

- Жок, - деди Бактыбек, - Жазел ыйлап жаткан чыгар, мен калайын.

- Мен калам, - деди Үсөн так кесе айтып, - Силер эс алгыла.

- Жо-ок, силер баарыңар бара бергиле, - деди Бекзат, - Мен гана калам, мен бойдок эмесминби, карап турам.

- Биз Бекзат экөөбүз калалы, - деди Эрмек, - Биз карайбыз.

- Жарайт анда, - деди Гүлайым, - Бул жерде тура бербей кетели. Баары аны угуп чогуу жөнөштү, Эрмек менен Бекзат Атабекти карап калып калышты. Ошентип бир үй-бүлөөгө айланган үч үй-бүлөөдө өскөн балдар чогуу Атабектин үйүнө келишсе Асел тамак жасап коюп күтүп отуруптур.

- Бала ыйлаган жокпу? - деди Гүлайым кирип эле.

- Жок апа, сүт берип уктатып койдум, атам кандай?

- Жакшы балам, амандыгын тилейли, - деп төргө отуруп калды, катарынан отуруп, келиндери балдарын уктатып анан дасторкон алып келишти, алар Гүлайымды аяп кыймылдатпай койду, Гүлайым буга абдан ыраазы болуп турду. Ошондон үч күн өткөндө Атабек сүйлөп кадимкидей боло түшкөндө милиция келди да андан көрсөтмө беришин сурады.

- Ким экен, эмне максат менен сайыптыр? - деп сурады Атабек, - Адегенде ошону билейин.

- Мааданбеков Эрнис, Кара Дөбөдөн экен.

- Аа-а, - деп Атабек башын ийкеңдетти, - Аны бошотуп жибергиле, жаш бала каталык жасаптыр.

- Эмнеге, ал сизди өлтүрмөк болгон.

- Мына, мен өлгөн жокмун, демек ага карата менин эч дооматым жок.

- Анда ошентип жазып бериңиз.

- Жарайт жигит, кагазыңды бер, - деди да: "Менин эч кандай дооматым жок, балалык кылыптыр", - деп жазып берди. Милиция аны алып чыгып кетти, Эрнисти барып чыгарып жатып.

- Бул кылмышым кечиримдүү болду деп кайра бир балээ баштап жүрбөгүн, - деди аны бири.

- Андай болбойт, - деп Эрнис чыгып кетти.

Аны Марлес күтүп жаткан, көрүп басып келди да жаакка чаап жиберди.

- Акмак, менин сөзүм сен үчүн сөз эмеспи ыя?

- Аке, аке кечир мени.

- Эмнеңди кечирем, элге журтка кем кылып кун кууганды сен экөөбүзгө ким коюптур ыя?

- Болду эми, эмне кылаарымды билбей калдым.

- Бас, ооруканага баралы, - деди алдыга басып.

- Барбай эле койбойлубу? - Эрнис башын кашый туруп калды.

- Барасың, кечирим сурап колунан өбөсүң!

- Эмнеге, атамды өлтүргөн немеге кошомат кылмак белем?

- Акылсыз десе, сени каматпаганы үчүн, - деп Марлес инисин жаман көрө карады, - Эгерде азыр кебимди укпасаң бир туугандыктан кечип кетем!

- Аке.

- Болду сүйлөбө.

- Макул, - деди да агасынын артынан ээрчий басты, экөө аялдамага келип төртүнчү ооруканага келишти да сураштырып таап барды, палатага киргенде Атабек жалгыз жаткан, босогодон баш баккан чоочун жигиттерди көрүп унчуккан жок.

- Ас-салоому алейкум аке, - деп Марлес озуна салам айтты.

- Келгиле балдар...

- Сиз бизди кечириңиз, - деп Марлес маңдайына келди, - Иним чоң каталык кетирди, сизде биздин мындан ары кегибиз жок, сизге ыраазыбыз, түшүнүп кечиргениңизге.

- Кечирдим балдар, - деди Атабек, ал кыймылдабай жатат, анын ичегиси анча камдаша элек деп врачтар турууга уруксат бере элек.

- Сизге рахмат аке, мен каталык кылдым, - деди Эрнис дагы жакын келип, анын башы жерге салаңдайт, - Кечирим сурайм.

- Кечирдим, мен дагы кокустан гана өлтүрүп алганмын, силердин ага катыгыңар деле жок, биздин чатак такыр башка болчу, - Атабек атайын аларга Бактыбек жаман көрүнбөсүн деп калп айтты, - силер анда жаш элеңер, мен түшүнүп турам. Эгерде мен өлтүрбөсөм ал мени өлтүрмөк, мен өзүмдү коргодум айланайындар...

- Өткөн иш өттү аке, атаңды өлтүргөндө энеңди алып бер дегендей ушуну менен баарын унуталы, кызыңыз болсо күйөө бала кылып алыңыз, - деп Марлес алып келген тамак-ашын тумбочканын үстүнө койду.

- Жарайт балам, жоолашкандын эмнеси жакшы, бир эле бир журтпуз.

- Сизге кудай кубат берсин, сакайып кетиңиз, - деди да Марлес эшикти көздөй басканда Эрнис Атабекти көзүн албай карап туруп калды, ал өз ичинде: "Мына, бул жерден дагы сонуну шанс келип турат", - деп ойлонуп алды да:

- Сакайып кетиңиз, - деп агасынын артынан жөнөдү, Атабек алар чыккандан кийин: "Аттиң. Булардын кек сактаганы туура, заматта эле атасы өлүп калса ойлонот да, мен буларга жардам беришим керек", - деп ойлонуп жатты. Бир ай дегенде үйүнө чыгып келди, түлөө өткөрүшүп, туугандары келип ал-акыбалын көрүп, сурап үйүнөн киши үзүлбөй жатты, Гүлайым тамак-ашка кенен, келгендерге жаркылдай мамиле кылып турат, балдарынан көңүлү ток.

Марлес Эрнисти айылга алып кетип калды, шарга иштегенине уруксат бербей койду, ал кыжаалат болуп Эляга жолугуп өз махабатын айткысы келсе дагы бара албады. Айылда толгон кыздар болсо дагы бирине көңүлү жок, ошентип жүргөндө кайрадан күркүрөгөн күз келип жандуунун баары жарышып жазда эккен эгиндеринин түшүмүн жыйнап, жашылчаларынын күзгү түшүмүнө карк болуп турган убак, Эрнис менен Марлес дагы бул жылы буудайлары жакшы болуп кубанычта, картошкасы эки тонна болуптур, экөө буудай менен картошкасын шаарга алып барып оптом сатканы камазга жүктөп жөнөп калышты. Буудайын ойлогондорунан дагы ашыгыраак баада сатышты, андан кийин картошкасын Эрниске таштап Марлес айылга кетип калды, үч күн туруп анан Эрнис аябай жакшы сатты, калган он чакты мүшөгүн арзан берип ийип өз оюндагы дегдеген максатын ишке ашыргысы келип баягы заңгыраган үйдү акмалап калды. Жанында көп акча бар, аны жоготуп ийгенден коркуп турса дагы Эляга бир жолуккусу келип туруп алды. Ошол күнү баняга түшүп чачын тегиздетип чыкыя кийинип алган, кечке дарбазаны көз талыганча карап туруп тажай баштаганда кыпкызыл машина келип токтоп андан кыска юбка кийген, чачы тармал, шыйрагы узун, бийик туфли кийген Эля түшкөндө апкаарый түштү, таңдана карап туруп калды.

- Эля? - деди анан өзүн кармана, - Эля токтой турчу! - деп аны көздөй басканда Эля аны кайдан көрдүм эле дегендей карап туруп калды, - Кандай Эля? - деди Эрнис жете келип.

- Аа-а сенсиңби? - деди Эля аны тоготпогондой, - Эмне жумуш?

- Сага жолуксам деп эле...

- Шашылышмын, тез айт сөзүңдү.

- Эля... Эля сени менен дос болсом деп...

- Эмне-е? - Эля аны таңыркай карап туруп каткырып ийди, - Мен сени мененби, дос болуппу? - деп көздөрүн алайтты.

- Эмне болмок эле Эля?

- Жо-ок Эрнис, менин досторум такыр башка чөйрөдө, сени менен кечирип кой дос боло албайм.

- Эля суранам.

- Ой сен кимсиң өзү, барчы ары! - деп коюп колун силкип басып кеткенде Эрнис бозала болуп туруп калды: "Көпкөн көпөстүн кызы болсо керек, эн-неңди урайын десе, сенчелик кыз табылбаса да", - деп өзүн-өзү соорото басып кетти. Ал айылга кетмек болуп кетип бара жатканда эки кыз менен кетип жаткан Аселди көрүп калды, ал бою узун болуп дагы бир жылга чоңое түшкөн, он алтыга чыгып керилип боюн түзөп калган эле, жанындагы кыздарга караганда дароо эле айырмаланып эл көзүнө көрүнө түшөт. Кызды жалт караган Эрнис: "Окуучу тура, бирок сулуу кыз экен, туфли кийсе менден узун болуп кетет го", - деп ойлонуп ийди.

- Асел, болуптур анда, эртеңге чейин! - деп калды ошол убакта аны менен бара жаткан кыздар бөлүнүп бара жатып, Эрнис алардын жанынан өтүп бара жаткан.

- Жакшы баргыла, көрүшөбүз, - деп жооп кылган Асел ары көздөй бара жатты, ал аялдамага бара жаткан. Эрнис Аселди саамга карап туруп: "Ээ бул дагы бир көпөстүн кызы болсо теңине албай сырая качаар, андан көрө өзүмө теңдүү эле жердин кызын алганым жакшы, бечаранын бечара боюнча калганы жакшы, шаардык кыздарга теңелип жабышам деп дагы Марлес акемдин ачуусун келтирип албайын", - деп ойлонуп таксилер турган жакты көздөй шылкыя басып бара жатты. Негедир анын көз алдынан Эля кетпей туруп алды, анын мурунку жаадыраган жүзү, андан да итин көргөндөгү күлкүгө толгон көздөрү, бүгүнкү мыскылдай каткырыгы эсинен чыкпай ичинен арман кылып жатты: "Ата-энебиз өлбөгөндө бизде деле байлык бар эле го, ошол байлык алар менен кошо жоголду, балким ар бир пенденин өз пешенесинде ырыскысы өзүнчө болот окшойт", - деп ойлонуп таксиге жеткенде жабыраган таксисттер биринен сала бири жулунуп көтөрүп сала тургансып аарыдай жабышты. Ошо убакта Марлес телефон чалып калды.

- Ало аке угуп жатам, - деди Эрнис.

- Бүттүңбү картошканы?

- Ооба, бүттүм аке, бара жатам.

- Болуптур анда, - деп Марлес өчүрүп койду, ал бир таксиге отуруп жөнөп кетти, Марлес ал келгенден кийин аялы Жайнагүл менен Эрниске карап сөз баштады.

- Эрнис, мен мындай деп чечтим.

- Кандай? - Жайнагүл менен Эрнис жарыша карап калышты.

- Атабектин алдынан өтүшүбүз керек.

- Эмнеге, ал бизди өмүр бою жетим кылып койсо кошомат кылабызбы? - деди Эрнис мойноп.

- Мындай түшүнүктү токтот иним, Бактыбекти боорубузга тартып бир туугандай мамиледе болушубуз керек.

- Бул сөздү кантип айтып жатасың аке, мен сенин тилиңди алып өйдө карабай келем, ушул Бактыбектин айынан жаман көрүнүшпөйлү.

- Эрнис, сен билесиңби, Айжамалды өлгөнгө чейин өз энебиз эмес экенин билчү белең?

- Жо-ок, чоң энем айткан.

- Дал ошонун каталыгы бизди тескери тарбияга салган, эски кишинин кандай ою бар экенин ким билсин? - Марлес ойлуу алдын карап саамга отуруп калды, - Менин эсимде, Айжамал апам өзүмдүн балам, бул өгөй деп бөлбөптүр, айланайын кагылайын деп эле турчу эле, эми ойлосом ал чоң энемдин бир топ каарына чыдаган экен, ал эми өз энебиздин кандай экени эсибизде дагы жок...

- Чын эле, мен бир жолу өзүм Бактыбекти уруп коюп кайра өңгүрөп ыйлап келсем Бактыбекти чыбык менен тамды айланта кубалап урган эле, - деди Эрнис дагы күлүп.

- Чынында биз аны бир эскерип куран окуп дагы койбоптурбуз.

- Ооба, туура аке.

- Эмесе мындай, - Марлес экөөнө карады, бир кой союп Айжамал апама атайын куран окуталы, албетте Бактыбекти чакырабыз, анан бирди союп кийит-кече кылып үчөөбүз Атабек акенин үйүнө барып кечирим сурайбыз.

- Туура кыласың аке, - деди бул жолу Эрнис, Жайнагүл эчтеке дебеди, үчүнчү баласы алты айлык болуп калган. Айткандай эле бейшемби күнү куран окутушту, атайын Айдарбек кызы Айжамалдын арбагына багышталды, Бактыбекти аялы экөөнү тең чакырып алышты. Ошентип алар табышышты, эл тараган соң Бактыбекке оюн айтты эле.

- Жок, ал киши силерге капа эмес, өзү кечирим сурап алдыңарга келем деп жүргөн, кетирген каталыгы үчүн өкүнүп жүрөт, - деди Бактыбек.

- Биз анын балдарыбыз, анан дагы бизден каталык кетти, тирүүдө адам өз каталыгын түшүнбөсө болбойт иним, өткөн-кеткен үчүн бизди сен дагы кечир! - деди Марлес.

- Кечирим суроонун кереги жок аке, жашчылыкта баары болот экен, башкысы өз каталыгын түшүнүү чоң адамгерчилик, акыры мени өз катарыңарга алаарыңарды билгенмин, - Бактыбек кубана Марлес менен андан кийин Эрнис менен кучакташып бири-бирин кечиришип турду. Көп өтпөй эле Марлес бир семиз койду союп алып, кийит-кечени алган соң Бактыбекти ээрчитип шаарга жөнөштү. Ал келгенде Атабек жакшы болуп калган, бирок соодага чыкпай үйдө болуп жаткан, сооданы Бекзат менен Гүлайым жүргүзүп жатышты, соодасы да жакшы болуп көңүлү ачык кудайга миң мертебе ыраазычылыгын айтып намаз окуй баштаган, Жазел бир жаштан өтүп басып жүргөн, түш оой алардын үйүнө үч машина келип токтоду, Бактыбек келе жатып райондон Үсөн менен Апалды да алып алышкан болчу, Марлес улуусу катары келип Атабектин колун өөп учурашты.

- Жакшы болуп калдыңызбы?

- Жакшы балдар, жакшы болуп калдым буйруса.

- Ошондой эле болсун, сиздин алдыңызга келе албай убакыт өтүп кетти, бизди кечириңиз.

- Кудай кечирсин балдарым, кудайдан улук эчтеке жок, - деп Атабек Үсөн менен Бактыбекке карады, - Балдар эмне турасыңар конокторду үйгө киргизгиле.

- Киргиле үйгө, - деп Үсөн баштап кирди, алып келгендерин Жайнагүл өзү жайгаштырып Атабектин үстүнө чапан жапты, бир сыйрасын алдына койду, Гүлайымдын үстүнө дагы сайма чапандан жаап чоң жоолук салды, анан Үсөнгө, Бактыбек менен Эрмекке дагы костюм шым берген соң Марлес:

- Ылайым арабыздан кара мышык өтпөсүн аке, кекти кара сууга агызып жибердик, атамдын кеги деп аны да тынч жаткырбай кыйнап салдык окшойт, чынында адамдын өлүмүнө ар нерсе себеп болгону менен ичээр суусу түгөнөөр күнү ошол дешет экен, биз жаңылдык кечирдим деп коюңуз, - деди.

- Кечирдим балдар, мен ошол өзүмө келгенде эле кечиргенмин, - деди Атабек.

- Ыраазыбыз, - дешти Марлес менен Эрнис экөө тең, ошол убакта сырттан Асел кирди, ал математика боюнча оюнга катышып кеткен, кеч келгени ошондон, жүзү албырып колунда кучак гүл, анан дагы биринчиликти алган белги, ал үйдөгү чоочун адамдарды көрүп үстүңкү кабатка чыкмак болуп бара жатканда:

- Кызым, коноктор менен учураш, - деди Гүлайым.

- Саламатсыздарбы? - деп баарына карап Эрнистин өзүнөн көз албай карап турганынан улам тартына ары кетти.

- Кызым уттуңбу? - деди Атабек ага.

- Ооба ата, биринчиликти алдым, - деди Асел кубанычтуу.

- Куттуктайм кызым.

- Биз дагы куттуктап коелу, - деп Үсөн менен Бактыбек туруп келип Аселди бетинен өөп колуна акча беришти.

- Рахмат аке, - деп кыздын жүзү ого бетер албырып, ошол убакта сыртка машинанын келгени угулду, булар Азаттар болчу, Бактыбек менен Үсөн айылдан чыгаарда эле телефон чалып баарын түшүндүрүп чакырышкан, андан кийин Асел дагы эң биринчи жеңишин агасына чалып үйгө ээрчитип келди.

- Ассалоому Алейкум, саламатсыздарбы? - деп баары менен кол алыша учурашкан соң, - Ден-соолугуңуз кандай? - деди Атабекке карай.

- Шүгүр балам, өзүңөр тынчсыңарбы?

- Баары жакшы, кудайга шүгүр, - деп орун алышты, Марлес инисине карады, анын көз карашында: "Көрдүңбү кандай экенин, өгөй-кагай дебей бир үй-бүлөөдөй болуп алышканын, ушундай тарбия керек болчу бизге, жашыбызда энебиз өлүп андан кийин өгөй энебиз дагы өлүп жакшы тарбия ала албай калыппыз, сен экөөбүздү ким сыйлап жатат", - деген көз караш эле, чынында суктанып отурушту. Атабек дагы бирди сойдуруп аларды коноктоду, Эрнис ичинен кубанып ооруканадагы агасынын Атабекке айткан сөзүн эстеди: "Кызыңыз болсо куда бололу", - деген. Эртеси Марлестер кетмек болгондо Атабек:

- Балдар, мен кечирим сурап өлгөн адамдын ата-энесинин алдынан өтүшүм парз эле, мен келгиче рахматы болгурлар өтүп кетишиптир, андан дагы убакыт деген улук, байкатпай өтүп кете берет, өзүм силердин алдыңарга барганы жүргөнмүн, өзүңөр келипсиңер рахмат, Мырзабек жакшы адам эле, - деп Гүлайымга карады, ал кийит кийгизди да ары барып отуруп калды, - Бул акчага уулуңарга ат мингизгеним болсун, - Атабек конвертке салынган акчаны сунду.

- Жок-жок, тим коюңуз, - Марлес уялып кетти.

- Болбойт, анда таарынып каламын, уулуңа ат алып бер! - деди да чөнтөгүнө салып койду, алар кош-кош ыраазылыгын айтып жатып коштошушту. Атабек аларга жүз миң сом берген эле, бир оор жүктөн кутулгандай боло түштү. Көп өтпөй эле Эрмек үйлөнө турган болду, Бекзат экөө сүйлөшүп улуулата үйлөнмөк болушкан, Эрмек Бекзаттан бир жаш улуу болчу. Бирок Атабек эки келинди удаа алды, арасы бир айдан, үлпөт тоюн бир күнгө болжошту, эки кудасынын тең колунда бар кишилер экен үлпөт тойду биринен-бири өтүп колдоп абдан жакшы өттү. Тойго Марлестер дагы келишти, Эрнисти той кызыктырбай эле оюнда Асел менен таанышуу турду, бирок Аселдин ал кезде сүйгөнү бар эле, ал кечигип калганын сезбей кызды акмалап жүрдү. Асел ар кандай мектептер менен математикадан жарышка катышып жеңүүчү болуп көзгө көрүнгөн кезде ага бир депутаттын уулу ашык болуп калып тойдон мурунураак эле сөйкө салып машина тартуулап куда түшүп коюшкан. Эрнис аны кайдан билсин, тойдогу эл ойноп-күлүп жаштарга бак-таалай каалап жатты...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз