Айгүл ШАРШЕН


"Үмүт шооласы"


Сууктун күчүнөн ээрди кеберсип, бүткөн бою калтыраган Калбүбү жашоонун кызыгынан, эртеңки жарык таңдын бүдөмүктөгөн шаңынан үмүт үзбөй, таштанды аңтарып жүрдү. Целлофандарга салынган таштандылардын ичин тинтип отуруп, жарты бөтөлкө, көгөрүп кеткен сыр, салат таап алды. Тоңуп калган табылгалары муз болуп калгандыктан жанында ар качан алып жүрчү кирдеп-тытылып калган чаар баштыкка салды да, базарды көздөй илкиди: "ысыгыраак бирдеме ичпесем тоңуп өлөм го", деп ойлогондо муздап, ансыз да калтырап турган денеси "дүр" этип алды: "Баса, мен өлгөндө ким кейип коймок эле? Жашоо улана берет, менин өлгөнүм жер энени тойгузуп, бул дүйнө кемип калмак беле? Келип-кете берчү дүйнө да-аа" деген ойдо өзүн алаксыта кадамын тездетип кетип жатты. Бат эле Ош базарынын кыжы-кыйма шарына аралашып, отургандарды жал-жал карап баратып:

- Айланайындар, нанга жардам берип койгулачы, бала-чакам жок, жакыным да жок, боор ооруп койгулачы?! - деди тартынып. Жедеп кагуудан көңүлү калса да кара жанды калкалагысы келип.

- Барчы, сен эле жетишпей атсаң да, ушу суукта сен эмес, бала-чакамды зорго багып жатам! - Бир жаш эле келин силкинип ары карады. Сунулган колу таяктай катып калганга ачуу сөзгө ого бетер денеси калтырай түшүп, ары көздөй басты.

- Жардам бер-рип кой-гулачы-ы?! - тиши тишине тийбей шакылдап, көгөргөн эриндери араң кыймылдады. Өтүп бараткандардын алсыз аял менен иши да болбоду, бутунда күзүндө таштандыдан таап алган эркектин батинкасы, башында кир эски жоолук, моюнуна жылуулук бере тургансып эски моюн орогучту тагып алган.

- Ме, менин балдарыма батаң тийсин, байкуш! - кычырай кийинген аял ага бир сомдуктардан жети кагаз сунду, - Имине болуп ушинтип калышат булар деги? Улгайып эле калыптыр, жылуу үйдө неберелерин багып эле отура турган убагы экен.. - Тигил аял кобурана басып кетти.

- Ылайым кудай жалгасын… - Калбүбү кубарып кеткен өңүн, көгөрүп турган эрдин кыбырата ары көздөй кетип баратты. Буттары титиреп шилтенбей калса да кете берди, колдору сунулган бойдон.

Туш келди кетип атып алаканына чогулган бир сомдуктарды бекем уучтап: "Канча болду экен, ысык бирдеме ичкенге жетсе.. " деп ойлоп алып, ашканалардын бирин көздөй бурулду. Демейде кийими жупуну адамдарды ашкана ээлери киргизбейт эмеспи. Эки жагын жалтаңдай карап, бош турган орундукка отурду да, жансыздай туурулуп колдоюп зорго ачылган колдорун ушалап алып, акчаларын санап кирди:

- Бир, эки, сегиз, он беш, отуз,. . Оо кудай, жакшы эле экен, - деп өзүнчө күбүрөнүп алды да, отуз сомду бөлүп, калганын санабай эле кунары кеткен эски куртканын чөнтөгүнө салды. Аңгыча жанына ашкананы тейлеген кыз келип жаман көзү менен карай:

- Сизге эмне керек? - деди.

- Кызым, отуз сомго келчү ысык тамагың болсо берип койчу, - тартынып, колдорун оозуна такай, калтыраган денеси ичиркене, алиги кызга унчукту.

- Отуз сомго келбейт, кырк беш сом!

- Аа-аа, мейли кызым, дагы он беш сом берем, - Кыз анын жообун угуп, ары басып кетти. Кайрадан чөнтөгүндөгү бир сомдуктарды алып санап атып, ичинен элүү сомдукту көрүп, кубанганынан көзүнөн чолок жаш агып кеткенин байкабай көпкө мелтиреп отуруп калды: "Оо кудай, мындай бечарага боору ооруган кайрымдуу адам бар тура" деп делдейе отурганда:

- Мынакей, сразы төлөп койуңуз! - деген официантканын үнү аны селт эттирди. Колундагы элүү сомду шаша сунду эле, жука төшүнө таккан фартугунан беш сом алып чыгып берди да, жолуна түштү. Суук, адам жоктугунан бул бечара аялдын берээр акчасына карап тим коюшкан эле. Болбосо мындай мусаапырларды: "Клиенттердин аппетитин бузат" дешип босогодон кууп чыгышчу. Калбүбү эти жок, ичинде бирин-серин сабиз менен картошкасы бар шорпону нан менен эптеп бир чыны чайды ичип топук кыла түштү. Жанатан калтырап аткан денеси да бир аз эс ала түшкөндөй бүткөн бою жибий отуруп калганда жанагы официантка жетип келди:

- Ичип бүтсөңүз туруңуз, биз жабабыз, тезирээк болуңуз! - деп шаштырганда баштыгын аяр алды да, ордунан туруп максатсыз басып сыртка чыкты: "Сыртта суук, кайра эле үшүйм го, жылуураак жатаар жер болсо, атаганат" деп алып кетип атып, али элдин тарай элегин көрүп: "кой, уялгыдай эмнем калды, дагы бир аз акча чогултуп алайын, же тигилерге окшоп уурулук кыла албасам.. " деген ойго келди да, базар ичин кыдырып колуна бир сомду кармап алып оозун кыбырата:


- Жардам берип койгулачы, айланайындар! - деп басып жүрүп, эл суюлгуча дагы алаканы толуп кетти. Аны бир колуна ооштуруп алып, жүрө берди. Кайрадан үшүп кетти. Чогулган акчаны ички жан чөнтөгүнө катты да, сырткысына он сомду салып жатаканасына илкип жөнөдү: "Ээ кудай, ушунуңа шүгүр, өлбөгөнгө өлүү балык кез келет деген ушул тура, эртең дагы ушинтсем акча топтоп алып соода кылайын", деп ойлонуп баратты. Көз алдында бала чагы…

***

Калбүбү бир кезде бир үйдүн кенжеси болчу. Жандан артыкча төрөлгөн кызын ата-эне абдан жакшы көрүп, айтканы менен болоор эле. Улуу агалары үйлөнүп, эки эжеси күйөөгө чыгып, балдарын ээрчитип үйлөрүнө чогулуп келишкенде бака-шака түшүп калчу. Ошондо тагдыры ушундай болоорун кайдан билди. Эжелери да, агалары да аны эркелетип, каалаганын алып берип, эркелик менен өткөн күндөрү алыстап, мектепти да ийгиликтүү аяктады..

Ата-эне кеңешип, Калбүбүнү жогорку окуу жайына жөнөттү. Шаарга келип, башка чөйрөгө аралашканча көнө албай үйүнө да кетип калгысы келип жүргөндө экзамендери келип, алардан такалбай эле жооп берип өтүп кетти. Жыйынтыгында ал мединституттун студенти болуп калды. Эч нерсе менен иши жок эрке кызды акмалап сөз айткан жигиттер бура бастырбай киного, концертке чакырышат. Жеринен текебер кыз аларды теңине албай, жалаң окуу менен алек болуп жүргөндө, бир группада окуган Айнура деген кыз:

- Калбүбү, бүгүн менин жердешим келип калыптыр, ал мени туулган күнгө чакырып атат, жалгыз баргандан уялып атам, - деп калды. - Экөөбүз барып келеличи?

- Туулган күнгө барганга көңүлүм жок, өзүң эле бара берчи, - Калбүбү аны жактырбай, китепке үңүлдү.

- Койчу, Калбүбү, мен сени жакын, сырдаш курбум катары көрүп жүрсөм, сен мени укпайсың, - Айнура таарына түштү эле, текебер болгону менен боорукерлиги жеңип, Калбүбү аны күлө карады:

- Болуптур, барса барып келели, таарынбачы эми?

- Бая эле ошентпейт белең. Бол тез, кийинип алып жөнөйлү! - Экөө сыртка чыкса эки-үч жигит күтүп турушкан экен. Алар менен барып тез эле көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы үч бөлмөгө киришти.

Дасторкондо Калбүбү суз, өзүнө сугалактана караган жигиттерден жүзүн буруп, карабаска аракеттенип атты. Анда-мында ууртап-татып отурган винодон эки бети албырып чыккан. Келгенден бери өзүнө көңүл буруп отурган жигитти дилинде жактыргандай болду. Анын аты Тилек экен, шынаарлап улам тамаша сөз ыргытып отуруп, жакындан таанышып да алды. Айнуранын жигити да ага көз артып атты. Баарын байкап турган Калбүбү курбусунун көңүлү оорубасын деген ойдо Тилек менен сүйлөшүп, бийге чыкканда да аны менен бийлеп жатты. Чакан отуруш аяктап, экөөнү эки жигит коштоп жатаканага жеткирип коюшту. Ошондон баштап Тилек Калбүбүнүн жашоосунда пайда болуп, өзү деле ал кечиксе жол карай берчү болгон. Ортолорунда ысык сүйүү алоолонуп, төртүнчү курс болгондо үйлөнүүгө макулдашып коюшкан. Анан эле Тилек келбей кечигип жатты. Айнура бул кезде жигити экөө таарынышып кетишкен. Ал дагы өзүн мен сулуумун деген кыздардан эле. Жигитинин таштап кеткенине Калбүбүнү күнөөлүүдөй сезип, ал андан четтеп калган. Калбүбү Тилектин келбей калганына кыжаалат болуп, окууга да көңүлү чаппай жүргөндө анын кабатырланып жүргөнүн байкаган бир кыз атайы келип:

- Сен эмнеге окууга барбай жүрөсүң? - деп калды сөзгө тарта.

- Жөн эле… - Калбүбү көңүлсүз күңк этти.

- Ушу сен жигитиңдин азабын тартып жүрөсүң го, ээ?

- Эмнеге антип ойлойсуң? - Сүйбөгөндөй карап, бирок таң калгандай болуп турду.

- Эч нерсе билбейт деп ойлойсуң го. Мен билбеген балээ жок, сенин жигитиң Айнура менен жүрүп кеткенин али биле элексиңби?

- Эмне-е?! - Калбүбүнүн жалжылдаган көздөрү чоң ачылып, суроолуу карады. - Сен аны кайдан билесиң?

- Студенттердин баары эле билет!

- Кызык, Тилек ага барышы мүмкүн эмес?!

- Барбайт деп сен ага ишенгениң менен, ал сени таштап кеткени качан!

- Болду, Наргиза, андан аркысын мен уккум да келбейт! - Калбүбү эки кулагын баса отуруп калды, көздөрүндө ызанын жашы.

- Калбүбү, өз көзүң менен көрөм десең, эртең кечинде экөөнүн бир кечеде отурган жерине алпарам, - Наргиза сынай карады.

- Ойлоноюн, азыр барчы, Наргиза?! - Калбүбү эки бетин баса ыйлап отуруп аргасыз унчукту. Наргиза чыгып кеткенден кийин ал кроватка көмкөрөсүнөн жатып алып көпкө шолоктоп ыйлады: "Жок, мен аларды көргүм келбейт, намыс үчүн мен окууну гана ойлошум керек" деп бир ою айтса: "Эмнеге, Айнура менден ашык бекен, аларга мен сүйүшкөндү көрсөтөм", - деп кекенип да жатты. Эртеси Наргиза аны ээрчитип алып отурушка тигилерден мурун барышты. Туулган күнгө келген эки жигиттин бири Калбүбүнү айланчыктап калды. Жаштар улам келип отуруп бөлмөгө толуп калган учурда Тилек менен Айнура туулган күн ээсине гүл көтөрүп кирип келишти. Кирип келаткан Тилек төрдө отурган Калбүбүнү көрүп, босогодо бир топко делдейе туруп калганда, аны колтуктаган Айнура:

- Сага эмне болду, Тилек? Биз бири бирибизди сүйсөк, эмнеге тартынмак элең, бол эми?! - жетелей кирип орун алып, Тилектин ийинине башын жөлөп алды, - Жаным, эмнеге чөгүп кеттиң заматта?

- Айнура, тынч отурчу? - Тилек аны акырын түртө үй ээсин карады, - Керим, туулган күнүңө кечигип калганыбыз үчүн кечирип кой.

- Эчтеке эмес, досум, башкысы келип калганыңар жакшы болду.

Алар сүйлөшүп жатканда Калбүбү эч нерсени байкамаксан отурганы менен, ою алда неден кыжаалаттанып, жанында сүйлөп жаткан жигиттин бир сөзүн укса бирин укпай алагды болуп атты. Тилек өзүн ыңгайсыз сезип, Айнурадан боюн оолактата, үй ээси менен сүйлөшүп жатып көз кыйыгын Калбүбүдөн ала албай отурду. Айнура аны сезди, өзүнчө туталанып, Тилекке улам жакындап, тизесине колун койо коюп, көңүлүн өзүнө бургусу келип жан алакетке түшө берди. Жаштар улам кезек менен каалоолорун айтып отуруп, сөз Калбүбүгө жетти.

- Кана эмесе достор, биздин арабызда укмуштай сулуу, келечектеги ак халатчан врач кыз Калбүбүгө сөз берип койолу, - деди отурушту тейлеген жигит. - Силер кандай дейсиңер?

- Оо мына, сөз ээсин тапты! Сөз сүйлөп, анан ырдап койсун!

- Туптуура, ырдап койсун! - дешип коштоп кетишти калгандары. Үнсүз гана эки жакты карап отурган Калбүбү акырын көз кыйыгын Тилекке жөнөттү. Ал башын жерге салып отурган экен.

- Керим, - Калбүбү стаканды колуна алып, туулган күн ээсин карай токтоо, салмактуу сөз баштады, - Бүгүнкү туулган күнүң кут болсун, өзүң тандаган кесипти аркалап, ар дайым эл керегине жараган жигиттерден болушуңа тилектешмин!

- Оой азамат, эми ырдап кой? - дешип чуулдап ийишти.

- Силердин суранычыңарды аткарып, "Коштошуу" деген ырды ырдап берейин, - Калбүбү дагы Тилекти карады. Ал дале баш көтөрө албай отурган. Айнура болсо өзүнөн өзү жинденгендей кабагы чытылып, сыртка чыгып кетти. Аны отургандардын баары байкашканы менен, үн дешпеди. Анткени баары Тилек менен Калбүбүнүн мамилесин билишчү. Калбүбү үнү дирилдей, ичтеги арманын ыр менен айтып жаткандай муңдуу ырдап жатты. Отурган жаштардын бири да унчукпай, ырдын ыргагына тунжурай телмире тиктеп калышты. Тилек сыртка чыгып кеталбай, же өйдө карай албай отура берди. Бу Калбүбүнүн Тилек менен коштошуп жатканы эле: "Мейли, мен ага жабышкан эмесмин, өпкө-жүрөгүн колуна кармап, сенсиз жашай албайм деген өзү болчу, болгону жүрөгүмдү оорутуп койду, бактылуу болсун", деген коштоо бар эле ырдын кайрыгында, дилинде да ошол ой жандүйнөсүн эзип жатты. Анын мукам үнүнөн желге ыргала шуудураган тал-теректердин да кыймылы жайлап, ыр угуп жаткандай. Эрте жаздагы жамыраган чымчыктар гана анын авазын коштогондой безилдеп сайрап жатышты. Калбүбүнүн үнү акырындап барып басылганда, отургандар аны коштоп кол чаап жиберишти. Өзүн зордоп жылмайган Калбүбү:

ым Керимдин туулган күнүнө арналган белегим болсун, ырахмат! - деп койду. - Азама

т, Калбүбү, өзүңө жараша үнүң да укмуш экен, - дешип тамшанып жатышты. Андан кийин кезек менен ыр кесе узатышып ырдашып, бирок Калбүбүнүн үнүндөй боло бербеди. Ошондо Керим: - Калбү

бү, сенден өтөөрү жок экен, кана өзүң дагы бир жолу созуп койчу? - деп суранып койду эле, баары суранышып жаалап кетишти: - Туура,

Калбүбү ырдап койсун?! - Ырда,

Калбүбү, өнөрүң болсо өргө чап! - Суран

абыз, су-ра-на-быз! - Болуп

тур… - Калбүбү токтолбой кайрадан мукам үнүн созуп, абада термеле сүйүүнүн алдамчылыгын, кыз жүрөгү назик, ишенчээк болоорун, өчкөн сүйүүнү жар сала ырдап жатты. Убакыт токтоп калгандай баары тыңшап отурганда: - Тилек, сени Айнура чакырып жатат! - деди бирөө баш багып. - Өзү келсин, - Тилек бурк эте жер карап отурганынан жазбады. Ошондо Айнура баш багып: - Эмнеге сен чакырбаса да келип алып бизди бузуп жатасың? Тилек сени эмес, мени сүйөт! - деди көздөрүнөн заар чачырата Калбүбүнү карап. - Болду, ал сага эчтеке деген жок! - Калбүбүдөн озуна Тилек аны кага сүйлөдү, - Сенсиң баарын кылган! - Эмнеге анын таламын талашып жатасың, Тилек? Мен сени зордодум беле, өзүң мени сүйөм деп артымдан жүгүрбөдүң беле?! - Айнура ыйлап туруп өзүн унутуп койгондой бакыра сүйлөп жатты. - Мен сени сүйөм деген эмесмин! - Тилек козголбой ушинткенде Айнура жулкуна чуркап барып Калбүбүгө жеткени калганда аны жанында отургандар кармап калды: - Бети жок, сен кылып жатасың ушунун баарын! Тилек мени гана сүйөт, билдиңби? Сени сүйбөйт, мени гана сүйөт! - Жалынып сүйдүрө албасыңды билип ал, кыйын болсоң азыр алып кет! - Калбүбү да өчөшкөндөй ага карап мисирейди, - кана, өзүңдүн сүйүүң үчүн күрөш! - Ал мени гана сүйөт! - Айнура артына кайрылды, - Тилек, жүрү кетип калалычы, бул шуркуя экөөбүздү бузуп жатат! - Бузуку деп сени айтат, жүрөк сүйгөн менен көңүл сүйүүнү алмаштырып алгансыңар, жүрөгү сүйбөсө жалынганың түккө турбайт! - Туура! - беш-алты кыз Калбүбүнү коштоп жиберишти. - Ал эми шуркуя деген сен өзүңсүң! - Калбүбү шердене түштү белем, тигини мазактоого өттү, - Бети жок шуркуя, бузуку! - Жалап! - Айнуранын оозунан ушул сөз чыкканда Тилек ордунан туруп Айнуранын колунан кармап оозун басты: - Бас оозуңду! Мындай жаман сөзгө ал татыктуу эмес! - Билем сени, көзүн көрүп эле ага тартып жатасың. Жүрү, кетип калалычы, Тилек?! - Айнура Тилекке жалдыраганда, ал: - Айнура, сен азыр бара берчи, мен досумдун туулган күнүнө келип, отурбай эле кетип калсам болбойт, - деди эле: - Эмнеге сен мени анын астында басынтып жатасың? Аны көрүп эле ушинтип жатасың, туурабы? - деп көзүнүн жашы эки бетин жууй жалдырап ийди, - Азыр мени менен кетпесең атама айтып каматып салам! Ошондо отурган кыздардын бири: - Айнура, жалынып сүйдүрө албайсың, өзүңдү өзүң пас кылбай кетип калчы! - деди эле Айнура Калбүбүнү карап: - Жала-аап, шуркуя-аа! - деп чаңырганда Тилек тура калып: - Кечирип койгула, балдар, кыздар, жакшы отуруштун маанайын бузуп койгонубузга! - деди да, Айнураны колтуктай сыртка чыгып, кайра бат эле кирди. Ошол бойдон башка сөз уланбай, отуруштун шаңы кайрадан жанданды. Калбүбү эч нерсе болбогондой жадырап-жайнап отуруп, анан убакыт жеткен кезде: - Керим, эми биз кайталы, вахта жабылып калбасын, ырахмат силерге?! - деп Наргиза экөө чыгып кетишти. Айнура ичине кек сактап калды. Тилек аны менен жүрбөй калды. Ого бетер карарган Айнура Калбүбүгө жамандык ойлоп атты. Акыры ага калптан эле кечирим сураган болуп жатаканасына барды. Калбүбү жалгыз болчу. - Калбүбү, кандайсың, мүмкүнбү киргенге? - деп босогодон баш бакканда, ал: - Кире бер, - деп суз гана ооз учунан жооп берди. - Калбүбү, мен өзүмдүн каталыгымды кеч сезип калдым, мени кечирип койоорсуң, эркектерге ишенип болбойт тура, - анын жанына барып, чындап кечирим сурап жаткандай туруп калды. - Мен сени күнөөлөбөйм, Айнура. Баарына жаштыгыбыз күнөөлүү, жаштыгыбыздан көп нерседен адашабыз. - Оо-ой алтыным десе, мен сенден муну күткөн эмесмин, ыраазымын сага?! - деп кучактап өөп калды Айнура. Калбүбү ордунан туруп китептерин аңтарып жатканда Айнура эшикти акырын кулпулап, чөнтөгүнө салып алган жипти оңтойлоп кайсалактап бөлмөнүн ичинде ары-бери басып сүйлөп жатты. Калбүбү эч нерседен бейкапар китептердин ичинен бирди алып ачып окуй баштады. Анын бул мамилесине ого бетер ичинен жини келген Айнура: "шашпа, мен сени биротоло жок кылам, китепти ошол жактан жакшылап окуй бересиң" деп ойлоп алды. - Айнура, сен Тилекти чындап сүйүп калдыңбы? - Калбүбү капысынан сурап калды. - Калбүбү, сен муну эмнеге сурап жатасың? - Деги айтам да, эгер сүйүп калсаң мен силердин ортоңорго чагым кылып койгонумду кечир? - Оо-оба, Калбүбү, мен аны жан дилим менен сүйгөмүн, бирок ал азыр мени карабай калды… - Калбүбү ары карап көздөрүн жумуп ийди. Айнуранын жообу анын жүрөгүн бычак мизи менен тилгендей тыз этип кетти. Айнура ары карап отурган Калбүбүнүн артынан жылаандай сойлогон ажалды алып келаткандай: "Оо кудай, кечире көр, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүшүм керек, эгер Калбүбү бул дүйнөдө жок болсо, Тилек анда мени гана сүйөт", деп колу калтырай жипти анын мойнуна сала бергенде Калбүбү чоочуп кетип отурган столдон тайып жыгылып кетти. Экөө алышып жатты, Айнура жипти анын кекиртегине орой бекем кысып алып: - Сен гана менин жашоомо тоскоол болуп атасың! Тилек меники гана болууга тийиш, сен өлүшүң керек, бузуку! - деп кыса баштаганда Калбүбү жанталаша мойнундагы жипти эки колдоп кармап алып муунтууга мүмкүнчүлүк бербей жатты. Экөө алышып жатканда бөлмөнүн ичи тарс-турс этип жаңырып жатты. Ошол убакта Калбүбү тыбырчылап атып оюна стол астындагы коробкага салып койгон кайчы түшүп, ошол жакты көздөй тыбырчылап жылып жетип, кайчыны алды да мойнундагы кекиртегин кыскан жипти бир колу менен кармап, бир колуна кайчыны кармап Айнуранын алдында жатып аны баш жагын көздөй шилтеп жиберди. "А-ай!" деген үндөн улам мойнун кыскан жип бошой калганда ал тура калды да, көзүн басып калган Айнураны туш келди кайчы менен ургулай берди. Заматта бөлмөнүн ичи кан жытына толуп кетти. Жансыз сулап калган Айнураны койо берип кара терге түшкөн кыз шалдая отуруп калды. Дал ошол тушта эшик тыкылдап калды. Жүрөгү шуу эткен кыз ошондо гана эсине келгендей колундагы кайчыны таштап жиберип шолоктоп ыйлап ийди. Эшик такылдай берди. Акырын барып эшикти ачты эле, чогуу жашаган кыз экен. Калбүбүнүн түрүн көрүп чоочуп кетип ичке кирди да: - Калбүбү, бул эмне кылганың? - деп бакырып жиберди. - Ал өзү тийишти, мени өлтүрмөк болуп келиптир.. - Эми эмне кылабыз? - деп Айнуранын канга чыланып жаткан жансыз денесин кароого дити барбай бетин басты. Айнуранын колундагы жип бекем кармаган бойдон турганын көрдү. - Милиция чакыр, Наргиза, мен киши өлтүрдүм, бирок өзүмдү коргоп өлтүрдүм, мунун баары Тилек үчүн болду, - деп Калбүбү нес болгондой отурган калыбында оозун күбүрөттү. - Эми эмне болот, сени камап коюшат да? - Наргиза аны кучактай ыйлап жиберди. - Бар, Наргиза, мен киши өлтүрдүм, чакыр! - Калбүбү дале бир калыптан жазбай күңгүрөдү. Наргиза чыгып кетти. Бир топтон кийин милиция келип, Калбүбүнү алып кетти. Тергөөдө Калбүбүнүн чындыкты айтканы, жана анын далили - өлгөн кыздын колундагы бекем кармаган жип чындыктын бетин ачып, өзүн өзү коргогон деген ырастоо менен, сот Калбүбүнү беш жылга эркинен ажыратты. Ошол ошо болуп, ал окуя Калбүбүнүн тагдырын түп тамырынан башка нукка буруп салды. Ата-энеси, бир туугандары таптакыр кечип таштагандай басып келишпеди. Бир гана Тилек бир нече жолу жолугушууга чакырса да, болбоду. Калбүбү аны көргүсү келбеди. Акыркы жылы атасы келди, кызын көрүп абдан кейип ыйлады, апасынын жалгыз өзү үчүн күйүттөн азап тартып жакында өлгөнүн айтты. Калбүбү ботодой боздоп ыйлап жатты. Анын түрмөдөн үйрөнгөнү тамеки тартып, нашаа тарткан адаты болду. Бошонуп чыккандан кийин айылга барууга дити барбай өз турмушун өзү өткөрө баштады. Айланасына өзүнө окшоп түрмө көргөн, үй-жайы жоктор чогулуп, күндө оюн-зоок, карта ойногондор да кошулуп жашоонун ырахаты ушул экен деп күн кечире баштады. Ошондой күндөрдүн биринде дагы бир укмуш окуя болуп өттү. Калбүбү ошол учурда тагдырдын таш боордугуна ичинен кейип, кайгырган менен жашоосу ошону менен бүтүп калгандай баарына кол шилтеп коюп Жанболот деген өзүнөн он жаш улуу түрмөдөн чыккан адам менен жашап жүргөн. Алар менен чогуу жашаган Кашымкан аттуу келин бар эле. Ал батирде калган. Калбүбү дүкөнгө кеткен болчу. Жанболот эртең менен эрте кайдадыр чыгып кеткен. Калбүбү үйгө келсе эшик бек, демейде бекибеген эшиктин илинип калганына таң калган Калбүбү терезеден шыкааласа Кашымкан менен эрим деп жүргөн Жанболот дырдай чечинип алышып төшөктө жаткан экен. Ачуусу ушунчалык келген ал: "тагдырыма ушундай жазылган тура, муну да жайлап салайын, кандай эле менин жолума бөгөт болуп тура калышат?!" деген ойдо эшикти күч менен тээп ачып столдо турган аш бычакты ала койуп: - Эми экөөң тең тирүү чыга албайсыңар, силер өлөсүңөр, а мен кайрадан түрмөгө… - деп бакырып бычак шилтегенде Кашымкан эки колу менен башын калкалай жалынып-жалбарып кирди: - Калбүбү, кечирип кой, менде күнөө жок, Жанболот болбой эле өзү.. - дегенде ачуусу келгенинен көзү кызарып чыккан Калбүбү аны жүрөк тушка сайып: - Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт деген, сен мага актанбай эле кой! - деп жиниккендей ургулап атканда Жанболот кийимдерин көтөрүп качып чыкты. Аны таппай колундагы кан шоргологон бычакты кармаган бойдон эшикке атып чыкканда аны көргөндөр жаа бою качып жоголушту. Заматта милиция келип, Калбүбүнү алып кетти. Кашымкандын денесине сегиз жолу бычак тийиптир, ошондон мүрт кеткен экен. Калбүбү он эки жылга оор жаза менен кесилди. Ошентип гүлгүндөй жаштыгы, гүлдөй жайнаган жүзү кайрадан түрмө артында калууга аргасыз болду.. Калбүбү күчөтүлгөн жаза менен отурду. Бул анын түрмөгө экинчи жолу жатып жатканы эле. Баардык мыйзам ага тааныш. Отуз эки жаш күлгүндөй курак эмеспи. Бирок Калбүбүнүн асыл максаттарынын баары талкаланып, жүрөгү муз болуп, мерез аялга айланткан. Бир үйдө эркелеп, гүлдөй үлпүлдөп өскөн кыз минтип тагдырдын тамашасына айланганы анын жандүйнөсүн кейитип катаал кылып таштаган: "Ошондо Айнуранын колу бошоп, көзүнө кайчы кирип кеткенден кийин өлтүрбөй койсом эмне, ачуум келип өзүмдү билбей калбадымбы" деп көп ойлонот. Бирок баары өтүп кеткен, кеч болуп калган. Хатада төрт аял, ар биринин ар кандай жаза өтөө убактылары бар. Бири Калбүбүдөн улуу, экөөсү жаш балдарды уурдап сатып кармалган. Ал экөө тең жаш, эч нерсе капарында жок, тамеки чегип, күлүп сүйлөп отура беришет. Калбүбү үчүн убакыттын өтүшү кыйын, жанындагылардын сүйлөп атканына маани берип көңүл бурбай, өз ойлору менен алек. Түрмөнүн ичинде өткөн өмүрү тозокко тете: "Баары бүттү, - дейт ал оюнда, - менин тагдырым ушул тура, эми мен үчүн түн менен күндүн, жаз менен кыштын, күлкү менен ыйдын айрымасы кайсы, өлүктөн айрымам жок! Бирөө үчүн бул жашоодо гүл турмуш өтүп жатса, бирөө үчүн ар бир мүнөт тозокко айланып, не деген гана өмүрлөр кумга сиңген суудай жок болуп, тирүүлүк улана берет". Ошондой күндөрдүн биринде: - Кабылбекова, сага бирөө келди, чык бери! - деди кароолдо турган милиционер. Ордунан туруп баратып: "Ким? Атамбы, агамбы, же эжелерим эстеп келди бекен?" деген ойдо: - Ким деген экен? - деп сурап ийди. - Аны өзүң көрөсүң, - деп койду да, милиционер ары басып кетти. Жолугушууга эки күн келип атып, зорго мүмкүнчүлүк алган Тилек өзүн айтпоосун өтүнгөн эле. Калбүбү "Ким болду экен?" деп эки жакты элеңдей бөлмөгө кирип келип ары карап турган узун бойлуу, кең далылуу жигиттин ким экенин тааныбаса да: - Сиз кимсиз, менде кандай жумушуңуз бар? - деди үнүн калтырак баса. - Кандай, Калбүбү, денсоолук жакшыбы? - Тилек ары караган бойдон үн катты. - Кимсиз деп атам? - Калбүбү бу жолу өктөм үн катты. - Мен… мен элемин, Калбүбү, - ал бери бурула бергенде Тилекти тааный калган Калбүбү артына кетенчиктей берди: - Эмнеге келдиң? Табалаганы турасыңбы?! - Жок-жок, , Калбүбү, антип ойлой көрбө, мен сени көргөнү келдим, - Тилек жетип аны эки карыдан ала, - мен сени табалап эмес, көргүм келип келдим, сагынып келдим, өз каталыгым үчүн кечирим сураганы келдим. - Баары кеч, эми сөз кылуунун кереги да жок, ушундайда тез кетип кал, мен сени көрөйүн деген көзүм жок! - Калбүбү аны түртүп жиберип бөлмөдөн чыгып кетээрде Тилек кармап калды: - Токто деп атам, сен мен үчүн кымбатсың, керексиң! Сен деп эс-учумду билбей ооруп калып, жакында гана айыгып чыктым - адам катары бир ооз сүйлөшүүгө болбойбу?! - Тилек аны карысынан булка өзүнө каратты. Калбүбү селдейе түштү: "Эмне дейт, менин да бирөөгө керегим бар беле, оо кудай?! Сен мага керексиң дейби?" деп аны жал-жал тиктей көзүнүн жашы мөндүрдөй тоголонуп, жүзүн чайып агып жатканын байкабай туруп калды: - Тилек… - Болду, ашыкча сүйлөбө, - Тилек аны колтуктай орундукка отургузуп, өзү тике маңдайына отурду, - Ырас, мен күнөөлүүмүн баардыгына, бирок менин өзүңдү кандай сүйөөрүмдү да билесиң. Айнура мени алдап чакырып алып, бир кечте өзүнөн кеталгыс кылып байлап койгон. Ооба, аны менен түнөп калдым, анан… Сенин жүзүңдү кароого батынбай кыйналып жүргөндө… - Анын эмнесин кеп кылып жатасың, баары өттү-кетти, менин сага да, башкага да керегим жок, адам катары эмес, өлүү жан катары күн кечирип калгам, көрсө сен деле мен сыяктуу күн көрүп жаткан турбайсыңбы - бир эмес, эки адамды өлтүргөн турбайымбы?! - Аның туура, күнөө менден кетти, чечкиндүүлүк кыла албадым, - Тилек башын эки колдоп мыкчып отуруп калды, - Балким Айнура барып сени өзү өлтүрмөк болбогондо сен бул абалга келмек эмессиң, чынбы? - Чын, жамандык кылуу оюма да келген эмес. Баары бир бул менин тагдырымдын тайкылыгы… - Калбүбү ойлуу чылым түтөтүп киргенде Тилек туруп барып колунан алып: - Бекер кыласың, өзүңдү өзүң карма, мен сени бул жерден алып чыгып кетем, жашоо али алдыда! - деп ийининен кармай таптап койду. - Күлкү келээрлик сөздү айтпачы, ушул сөзүң менин тоңгон жүрөгүмдү жибитет деп турасыңбы? - Калбүбү анын көздөрүнө жылмая тигилди. Анын көздөрүндө ыза, өкүнүч, арман сезилип турду. - Билесиңби Калбүбү, сенин Айнураны өлтүрүп камалганыңды угуп жаман абалда калдым, күнү-түнү ойлоно берип катуу ооруп калдым, болгондо да өзүмдү билбей оорудум, оозумдан сенин атыңды уккан ата-энем кайгырып, эмне болсо да алып берүүгө акылдашып калышты. Мен сенин мен үчүн түрмөгө отурганыңды айттым… - Анан? - Анан алар үндөбөй калышты, өздөрүнчө кеңешсе керек, мени алар өз билгениңди кыл деп коюшкан, анан мен сага жолугууга келип отурам. - Мени ушу сөзүңө ишенип, көңүлү тынып, макул болот деп ойлодуңбу? - Сен макул болосуңбу же болбойсуңбу, баары бир көргүм келди, сенин алдыңда күнөөмдү мойнума алып, чындыкты айтайын, дагы эле сүйөөрүмдү билдирейин деп келдим. - Эгер сен Айнура менен кетип калбаганда баары жайында болмок. Ал сага ишенип алып менден сени кызганып, өлтүргөнү келген да… - Калбүбү ойлуу мелтиреп, көпкө отурду, - Сен аны сүйөм, күйөм дебесең, ал сага ишенмек эмес да? - Мен аны сүйөм деген эмесмин… - Тилек ушул учурда Айнура менен болгон күндөрүн көз алдына келтирип атты… *** Айнура ошол күнү жасана кийинип алып Калбүбү менен Тилектин жолугушчу жерине эртелеп келип, акмалап турду. Эки жагын каранып, колуна гүл кармап келаткан Тилекти көрүп алдынан күлүп-жайнап чыга калды: - Оой Тилек, кандай денсоолук, окуулар? - Өзүң кандайсың, Айнура, окуулар жакшыбы? - Баары жакшы. Биерде эмнеге турасың? - Аа-аа.. мен.. - Тилек тайсалдай туруп калды. Анысын жаземдебей байкап, ал турсун сезип эле турган Айнура Калбүбү келип калгыча эптеп ээрчитип кетүүгө далалаттанып: - Тилек, сен кызыксың го, Калбүбүнү күтүп турганыңды мен сопсонун билем, бирок ал азыр эле бирөө менен кафеге кетпедиби, мен аны көрүп таң калып калдым - деги ал сени чындап сүйбөсө керек? - Кытмырлана жылмайып койду. - Койчу, кантип эле кетип калсын, ал менин күтүп жатканымды билет эле да, андай болушу мүмкүн эмес, - Тилек өзүн ыңгайсыз сезе жол тарапты карап койду. - О-ой, мен сага калп айтып кара жаныма не күч келди дейсиң?! Эмеле экөөнүн кетип атканын көрдүм, чамасы жаңы таанышкан окшойт, машинасы бар, чыштай жасанган жигит экен, - эки жакты карай: "Калбүбү көрүнүп калса уят боломбу" деп ойлоп ичтен тынчсызданып жатканын Тилек байкабады. Калбүбү ошол күнү апасы айылдан келип калып чыга албай кечигип жаткан. - Кандай машина экен? - Капкара ауди менен кетти, тим эле Калбүбүнү гүл менен тосуп алып, бетинен өөп, машинага колунан алып отургузганын көрдүм. - Кызык, андай болушу мүмкүн эмес эле, Калбүбү ага барбайт болчу.. - Тилектин эки көзү анын күндө келчү жагын карап жаман абалда болуп турду. - Сен сүйгөндөй ал сени сүйсө башка жигит менен басып кетпейт эле, сүйүүңө татыбаган кызды сүйгөнүңө жол болсун. Ал мурун деле жигиттерди биринен бирин алмаштырып жүргөнүн билбейт окшойсуң? - Айнура, мен сага ишенбей турам, Калбүбү андайлардан эмес! - Тилек, сен аны билбейт экенсиң, чынында ал сени жөн эле сүйөм деп алдап жүргөн. Мага да айткан болчу. "Ал эмнең, Тилек сени кандай сүйөөрүн билип туруп минткениң туура эмес го", десем: "Ой койчу, мен али жашмын, бир Тилек деп жашымда жалгыз ошонун көзүн карап жүрө бермек белем", - деп койгон. Мен сенин жүрөгүңдү оорутпайын деп айтчу эмесмин, эми сага боорум ооруп турат. - Айнура, мен аны чын жүрөгүмдөн сүйгөм, ал мени башкага алмаштырышы мүмкүн эмес?! - Ишенбесең кой, мен билгенимди айттым! Айнура андан алыстай жөнөп баратканда Тилек үнсүз кыжаалаттана жолдон көзүн албай көпкө турду. Бирок Калбүбүнүн карааны көрүнбөдү. Тилек колундагы гүлдү таштап коюп илкип кетип атты. Аны тигиндейрээкте карап турган Айнура мазактагандай күлүп алды да, өз жолуна түштү. Ошол бойдон Тилек Калбүбүгө да барбай, санаага батып жүргөндө кокусунан жолуккан болуп, алдынан Айнура чыга калды. - Ай Тилек, кайдан? - Ушу жактан эле.. а өзүңчү? - Мен деле… сени көрүп калып… - Айнура мукактана башка сөз табалбай туруп калды. - Мен үйгө бараткам, - Тилек маршрутка келчү тарапты карап туруп калды. - Тилек, мен сенден бир нерсе суранайын, макул болосуңбу? - Эмнени? - Тилек аны көңүл бура карады. - Бүгүн менин жакын курбумдун туулган күнү, мени менен барып келбейсиңби? - Кечирип кой, Айнура, менин убактым жок, сабакка даярданышым керек, капа болбо! - Койчу, Тилек, бир жолу макул болуп койчу, эмне мен жигиттер карабай турган кыз бекем? - Айнура таарынгандай тултуя калды. - Андай деле эмес, менин чынында убактым жок, бара албайм го.. - Тилек, пожалуйста, бир эле жолу? - Айнура андан суранып кирди эле, аны карап турган жигит: "Барса барып көңүл ачып келбейинби, менин эмнем кетип атты эле, бу деле сулуу кыз экен" деген ойдо: - Таарынбачы эми, макул, барса барайын, - деп күлө карады. - О-ой алтыным десе! - Айнура аны жетип келип бетинен чоп эттире өөп алды, - Рахмат! - Убактым тар, жакында экзамен, болбосо сендей сулуу кыздын шагын сындырып болобу? - Тилек да аны тамашалай карап койду. - Тилек, мен чын эле сулуумунбу? - Укмуш, көп кыздардан сулуусуң, ошого жараша акылың да бар, келечектин ак халат врачысың. - А мен чын эле сулуу болсом, сен эмнеге көңүл бурбайсың, мен болсо жалгыз сени сүйүп азап чегип жүрөм. - Койчу? - Чын эле, сен баары бир билмексен боло бересиң. - Айнура, сулуулук башка, ал эми сүйүү деген башка да, өзүң да билбей каласың арбалып калганыңды… - Тилек ойлуу жер карады. - Аа-а, мейли, мен сени тамашалайын десе тим эле ойго чөгүп баратасың да, жүрү кеттик! - Айнура Тилекти колтуктап жөнөдү, - Бизди күтүп жатышат. - Айнура, Дайыр менен эмнеге сүйлөшпөй калдың? - Тилек анын жүзүнө эңиле сурап калды. - Койсоңчу, Тилек, аны досуңдан алигиче уккандырсың, - Айнура кабак чытый жооп берди. - Ишенсең эчтеке укканым жок. - Чындыгын билгиң келсе мен башканы сүйүп, жалындап от болуп күйүп жүрөм… - Бара турган жерди унута, бакты аралай ары-бери басты. - Ошондой де. Кыздардын баары ушундайсыңар да. Эмне, ал сен сүйгөн жигит өтө эле сулуу же бай бекен? - Тилек, мен өзүм сүйгөн адамдын сулуу же бай экенине деле карабайм, бирок ал менин сүйөөрүмдү билбейт да? - Эмнеге? - Тилек Айнуранын сумсайыңкы жүзүнө тигилип бир азга ойлуу туруп, - Жолугуп жүрөсүңөрбү? - Ооба, азыр да жолуктум, дайыма жолугам, тааныш катары гана сүйлөшкөнүбүзгө жүрөгүм ооруйт, ал мени сүйөбү же сүйбөйбү, билбейм… - Айнура терс бурула ары карап туруп калды. Артынан келип ийинине колун койгон Тилекти жалт карай берген Айнуранын көздөрүндөгү мөлтүлдөгөн жашты көргөн Тилек анын жүзүнө эңиле калып колу менен жашты сүртө жылмайды: - Айнура, сен абдан жакшы кызсың, сулуусуң, мынчалык ызакор болбо да, сени кандай жигит сүйбөсүн! Чыныгы сүйүүгө жолугасың, көрөсүң го, жомоктогудай. - Сүйүүгө ишенбей кетем, Тилек. Өзүң сүйүп турсаң да, ал байкамаксанга салып жүрө берсе, чыныгы сүйүүнү кайдан табасың, айтчы? - Билесиңби, Айнура, чыныгы сүйүү деген экөө тең бир бирин сүйгөндө гана болот. Сен аны сүйүп, бирок анда сага деген жылуу сезим болбосо, анда ал сүйүү эмес, ал убактылуу гана өтүп кетчү нерсе, - Тилек Айнураны жеңил гана колтуктай бак аралай басып жүрдү. Жаштыктын кайталангыс асыл мүнөттөрү, күзгү жалбырактай үбөлөнүп таман алдында тебеленген сезимдерди эргитип эки жашты бир үзүм бакытка бөлөп турду. Тилек да ушул сааттарда Калбүбүгө деген таарынычын азга унуткусу келгендей, Айнуранын көңүлүн көтөрүп койгусу келип, тамаша сөздөн ыргыта, ар бир кыймылында Айнурага имериле калып жатты. Бул күнү экөө көпкө бак аралап жүрүп, кечке маал Айнура Тилекти карап сунуш киргизип калды: - Тилек, бүгүн менин туулган күнүм, эч кимге айткан эмесмин, жүрү менин үйүмө баралы, жалгыз мага көңүлсүз экен. - Туулган күнүң болсо албетте барам! - Тилек эңкейе Айнураны эки бетинен сүйдү, - Туулган күнүң кут болсун, сулуу! - Рахмат, жүрөгүмдө ат көтөргүс арман турганда сенин жолугуп калганың дагы жакшы болбодубу, - Айнура жадырай күлүп Тилекти карап колун сунду, - Жүр тезирээк үйгө баралы! - Кеттик! Мен азыр дүкөнгө кайрылышым керек, бүгүнкү күндү куру кол тосконубуз кантип болсун, - Экөө кол кармаша дүкөн аралап жүрүп, Айнурага өзүнө жаккан белектерди тандашып алып берди да, анын үйүнө жөнөштү. Айнура дал ушул учурда чексиз бактылуу эле, мен деген жигиттен каалагандай белек алып, жанында кыналышып кетип баратканы өзүнчө эле керемет. Оюнда Калбүбүнү мазактагандай Тилекке байкатпай кытмыр жылмайып алды: "Көрөм эми, Тилек меники, намысыңдан өлүп албасаң болду, мен муну сага эч качан бербейм" деп ойлоп кетип атып Тилектин сүйлөгөн сөздөрүнүн бирин укса бирин укпай кете берди. Үйгө келгенден кийин арыдан бери газга тамак жасап, стол үстүн жайнатып койду. - Ушул үйдү атам сатып берген, студент болсоң батирде жашасаң кыйналып каласың дейт. - Жакшы экен. Анан өзүң жалгыз турасыңбы? - Жо-ок, иним бар эле, ал бүгүн айылга кеткен. Эртең келип калат ко. - Айнура жаркылдай Тилектин жанына отуруп сүйлөп жатты. Ушул учурда аны карап турган Тилек: "Кандай жакшынакай кыз, Дайыр жакшы жигит эмес окшойт, эмнеге таштап кетти? Аттиң, мен Калбүбүнү жан дилим менен сүйүп калганымды кара, ал мени таштап кетти, эртең мен ага сөзсүз жолугуп, ачык эле сүйлөшүп, анан кол үзөм" деп ойлонуп атканда Айнура булоолонгон табакты столго алып келип койду. - О-ой сулуу кыз, тамагың даяр болдубу?! Сендей кызга туш болгон жигиттин бактысы зор болот го дейм? - Тилек тамашалай кетти. - Таалайыма жазганын көрөрмүн, бирок сүйүүсүз кантип жашоо болмок эле, Тилек, - Айнура ойлуу чыныларга чай куюп отуруп Тилекти телмире карады, - А мен сага жагамбы? - Жагасың, сендей сулуу кызды ким гана жактырбасын. - Жөн гана, жакшы адам катарыбы, же… - Албетте, адам катары дагы, жакын көргөн селки катары дагы… - Тилек буйдала ойлонуп, Айнурадан көзүн ала качты, - Кел эмесе, , сенин туулган күнүңдү белгилеп койолу, - деп стол үстүндөгү винону ачып эки рюмкага куйду. - Туулган күнүң кут болсун, Айнура! Жашоодо эмнени кааласаң ошого жетип, бактылуу адамдардын катарын толукта. Өзүң сүйгөн кесибиңдин үзүрүн көр, ушуну сенин бактың үчүн алып койолу! - Рахмат Тилек, өзүң дагы, - Экөө тең рюмканы көтөрүп жиберишти, - Тилек, кечирип койчу, сени курбумдун туулган күнү деп алдадым.. - Түшүнөм. Андан кийин жан эргитип, адам көңүлүн көкөлөткөн жакшы сөздөр менен винодон алып отуруп, экөө бир аз кызып калышты. Кеч болуп калгандыктан Тилек кетмек болду эле, Айнура аны кетирбей койду. Ары ойлонуп, бери ойлонгон Тилек түнөп калууну чечти. Көпкө чейин кобурашып отурган соң, Айнура экөөнө эки бөлмөгө төшөк салып, өзү ордуна жатканы баратып: - Тилек, түнүң бейпил болсун, жакшы түш көрүп жат! - деп кирип кетти. Анын башы айланып, бир топ кызып калганы көрүнүп турду. - Рахмат, Айнура, сен дагы жакшы уктап, жакшы түш көр! - Тилек бөлмөгө кирип чечинип жатып калды. Дароо эле уктап кала албай, ары оонап, бери оонап тынчы кете берди. Айнура: "Мен муну өзүмдөн кете алгыс кылышым керек. Эгер бүгүн максатыма жеталбасам, анда бул экинчи келбей калышы мүмкүн. Калбүбүгө жолукса калпым чыгып калат, экөөнө жолугууга мүмкүнчүлүк бербешим керек!" деген чечимге келип, ичкен винонун деми менен ордунан туруп келип Тилектин жанына аста дем чыгара жатып алды. Жүрөгү ээ-жаа бербей дүк-дүк согуп, дабышы кулагына угулуп атты. Тилек аны сезди, бирок эч нерсе сезбегендей ары караган калыбында былк этпей жата берди. Анын да жүрөгү ойноп, жанында тал чыбыктай буралган сулуунун дем алганы, буркураган атырдын жыты эркектик делебесин козгоп, ушул азыр анын өмүр жолунда бир бурулуш болгону турганынан кабар бергендей, жүрөгү зырп этип алды. Бирок жаштыгы денесине сыйбай, жандүйнөсүндө дүрбөлөң түшүп, не кылаар айласын таппай турганда кыздын назик колдору далысына тийгенде дароо бурула калып кызды кучактай өпкүлөп кирди. Ушуну гана күтүп турган кыз бүт денесин бош коюп, жигиттин эркине берди. Ошол түн экөөнү бир бирине жипсиз байлап, өмүр жолун бириктирет деп ойлогон кыз өз максатына жетип, жаштыгын, балалыгын өз каалоосу менен Тилекке арнап: "Эми Тилек меники гана, эч кимге кетпейт" деген ойдо эртеси турганда анын алдына таттуулап жасаган тамагын коюп, мойнуна колун оролто эркелеп: - Тилек, айтсаң: менин сени сүйөөрүмө ишенесиңби? - деди. - Кызык, мен андайыңды билбептирмин. Дайыр сени сүйөөрүн билем, неге экөөңөрдүн ортоңор алыстап кеткенин түшүнбөй калдым. - Аны койчу, андан көрө эми эмне кылабыз, мен болсо өз сүйүүм үчүн күрөшүп, мына бүгүн кыз атымдан жаңылдым, алтындай болгон аялуу сезимимди сага арнап койдум, не дейсиң, Тилек? - Айнура, аны көрө жатаарбыз, мен баары бир Калбүбүгө бир жолу жолугушум керек, анан экөөбүз ачыкка чыгабыз. - Ага жолукканда эмне, жүрөгүңдү оорутасың, көңүлүң чөгөт. Андан көрө жаныңда не десең каалооңду аткарып көзүң менен тең айланган мени менен көңүлүңдү ач, сабакка барып кайра келе бер, атам керек болсо "күйөө бала болчу жигитке жолуксаң ачыгын айт, машина алып берем" деген - Айнура Тилекти мойнунан кучактап алып көздөрүн жалжылдата жалооруй сүйлөдү, - Тилек, сен макул болуп үйлөнүүгө сөз берсең эртең эле атама айттырып жиберем, дароо келишет. - Жо-жок, Айнура, ашыкпайлычы, али убакыт бар эмеспи. Менин Калбүбүнү кандай сүйөөрүмдү сен билесиң да, жок дегенде анын чындап менден көңүлү болбой, башканы таап алганы анык болсо сөзсүз сага келем. - Эмне, кокус ал калп деп койсо, анан бирде аны менен, бирде сени менен көңүл ачып жүрө берсе ишене бересиңби? А менчи, менин кыз атымды жаңылтып коюп, аны менен кетип каласың го, ээ? - Айнуранын көздөрүнө жаш толуп, ызалуу, буулуга сүйлөдү. - Андай эмес, Айнура, мага түшүнүп койчу: ага жолукмайынча жүрөгүм тынч алалбай жатпайбы! - Менин Калбүбүдөн эмнем кем экен? Чынында андан өзүмдү ашык сезбесем кем сезбейм, мен андай текебер эмесмин, чындыкты жакшы көрөм, азыр ачыгыңды айт: Калбүбү же мен! Эгер аны дагы бир жолу оозансаң ушул үч кабат үйдөн учуп өлөм! - Айнура терезеге жетип айнегин ачып боюн таштаарда Тилек чуркап барып кармай калды: - Жинди болдуңбу, жаныңдан кечип өз жаныңды өзүң кыйгыдай акылыңдан аздыңбы? - Ооба, мен сүйүүдөн жинди болдум, акылымдан адаштым, мен эч жанга теңебей жанымдан артык көргөн адамым башка бирөөнү сүйсө мага жашоонун эмне кереги бар?! Сен менсиз бактылуу боло бер! - Айнура стулга отуруп алып өкүрүп-бакырып ыйлап жатты, - Экөөңөргө тоскоолдук кылбай өлүп эле калайынчы, Тилек! Өз сүйүүм үчүн абийиримди булгадым, ата-энемдин, элдин бетин кантип карайм, кантип басып жүрөм?! - Койчу Айнура, сабыр кылчы. Ойлонолу, дагы кеңешели. Макул, Калбүбүгө жолукпай эле койойунчу, - Тилек эмне кылаар аргасын таппай Айнуранын жанында башын жерге салып үңкүйө сүйлөп жатты… Жандүйнө… Эзилген эки жандүйнө - бириси табасы кангандай ичинен жылмая Тилекти шылдың кыла: "Көрөсүң, дагы көптү көрөсүң. Эмитен илинчекке илиндиң, колумдан чыгарбай калайын, менден кадам жылгыс кылам!" деп ойлонуп жатты. Тилек теңирден тескери: "Калбүбүсүз мен жашоомду элестете албайм. Айнурага деле кыйын болду, кыз атын өчүрүп, өз каалоосу менен мага арнап, мени сүйүп калганы… Калбүбүгө бир эле жолугуп сүйлөшүп, оюн уксам, дароо Айнурага үйлөнөм. Балким ал да мени сагынып бир көрүүгө зар болуп жүрсөчү? Кайдан да Айнурага жолой койдум, же муну сүйбөсөм, өжөрлөнгөн кыздын капканына түшүп алып, өз сүйүүмдү жоготуп аламбы?" деген азаптуу суроолоруна жооп табалбай көпкө отурду. Айнура андан кийин да ага талапты катуу койду: - Тилек, эгер Калбүбү деп менин абийиримдин булганганына колуңду шилтеп басып кетсең, менин өлүмүмө сен гана күнөөкөр болосуң! Ата-энеме баарын төкпөй-чачпай катка жазып коюп, өзүмдү өзүм өлтүрөм, уктуңбу?! - Айнура, сенден суранам, бираз убакыт бер, мен ойлонуп көрүп, анан сен эмне десең мен ошого макулмун. - Болуптур, үч күн убакыт берем! - Айнура ички бөлмөсүнө кирип, диванга көмкөрөсүнөн жатып алып эки ийнин солкулдата ыйлап жатты. Тилек анын артынан келатып босогого токтоп, кыздын ыйлап жатканын көпкө карап туруп, анан артына кайрылып эшикке чыгып кетти. Жатаканасына да баргысы келбей, же Калбүбүгө баргысы келбей, Айнуранын айткандары кулагына жаңырып, бет келди басып жүрө берди. Ошол күнү, ошол сааттарда Калбүбүгө жолукканда балким баардык сыр ачылат беле? Ал эч нерсеге көңүлү келбей, күүгүмгө чейин жүрүп, кечинде кайра эле Айнуранын үйүнө келди. Анын сырттан киргенин көргөн Айнура шишиген көздөрүн жоодурата кубана тосуп алды: - Оо алтыным десе, келдиңби чын эле? Келбейт го деп ойлоп жаттым эле… - деп мойнуна асылып эки бетинен өөп, - өт, үйгө кир, - деп колдон ала жетеледи. - Келдим Айнура, келдим. Сен мени арбап баратасың. Билбейм, өзүм да сезбей калдым келип калганымды, - Тилек чарчаңкы жүзүн сумсайта Айнураны көңүлсүз өөп койду. Анан экөө столго отуруп тамактанышкандан кийин Айнура Тилекти бекем кучактап алып төшүнө башын жөлөп, бактылуу гана мемиреп ушул мүнөттөрдө миң жылдап тура бергиси келгендей көздөрүн жумуп отура берди. Ошентип ал түнү да экөө бир төшөктө бир дене болуп жуурулушуп жатты. Айнуранын көңүлү тына көңүлдүү болуп калды: "Коркутуп койсом кайда бармак эле, боюма болуп калса ого бетер жакшы болот эле" деген ойдо эле. Арадан бир жума өтүп, Тилек да, Айнура да экзамендерин ийгиликтүү аяктаган соң, Тилек Калбүбүгө жолугуп коюуну чечти. Ал жатаканага келгенде Калбүбү чогуу жашаган кыздары менен кеткен болчу. Сырттан тааныш кызына жолугуп, Тилек андан сурады: - Седеп, Калбүбүнү көрбөдүңбү? - Көрүп эле жүрөм, ал азыр эле группалаштары менен кафеге кетти. - Келсе айтып койчу менин келгенимди. - Ой ал үчүн сенин келип кеткениңдин кызыкчылыгы деле жок, анткени ал сенин Айнура менен жүргөнүңдү эбак угуп, жигит таап алган. - Койчу, ал кимден укмак эле, анын үстүнө ушак сөзгө ишенмек эмес. - Кантип ушак? Айнура өзү айтып жүрбөйбү, экөөңөрдүн жакында үйлөнөөрүңөрдү жар салып. - Жалган! - Тилек ачуусу келе колун шилтей басып кетти. Анын артынан Седеп жете келип: - Тилек, билсең Айнура экөөңөрдү көрө албай эле бузуп жүрөт. Ушул кезге чейин Калбүбү сени гана ойлонуп азап тартып кыйналды. Бирок ал сенин Айнура менен жүргөнүңдү да, үйлөнөөрүңөрдү да уга элек, биз аны аяп айтпадык. - Чынбы? - Тилектин көздөрү жайнай түштү. - Чын, эч нерсе билбейт, эми мындан ары эмне кыласыңар, аны өзүңөр чечесиңер, анын жигити деле жок. - Айнура аны дайыма машина менен бир жигит жеткирип келип жүрөт дебеди беле? - Калп, жөн гана ортоңорго бузукулук кылгысы келген, болбосо биз көрөт элек го. Сен келбей калгандан бери эч ким менен сүйлөшпөйт, сабагын гана окуп, сыртка да чыкпайт. - Аттиң! - Тилек башын эки колдоп мыжыга жөнөй берди. Седеп анын артынан көпкө карап туруп, анан бөлмөсүн көздөй басты. Тилек ачуусу менен Айнуранын үйүнө келди эле, иниси келип калганын көрүп сырттан кайтты. Ушул мүнөттөрдө Айнуранын жүзүнө түкүрүп: "Бир өлмөктөн миң өл!" деп ачык айтып чыгып кетмек болгон. Жатаканасына келип өз ордуна жатып алды эле, бөлмөлөш балдары тамашалай башташты: - Ой Тилек, барсыңбы ыя? Үй-жайлуу селкини таап алып бизди да карабай кеттиң го.. Деги туура кыласың, курсагың ток, кийимиң таза, кааласаң машина минесиң. - Ошону айтсаң. Айнураны мурунтан эле мен ээлеп албай - атасы берген машина менен сабакка келип турмак экенмин, ха-ха-ха! - Болдучу, кайдагы машина, кайдагы селки - жөн эле жумуштар менен жүрдүм. - Койсоңчу, үйлөнсөңөр чоң той берип, элдин көзүнчө сага машинанын ачкычын берээрин Айнура айтып эле жүрбөйбү. - Тү-үү ата, кайдагы ушактарды угуп алгансыңар, ыя? - Тилек башын көтөрө азилдешкен досторуна карай кабак бүркөй сүйлөдү, - Баары жалган, бири чын болсо өлөйүн, ой. - Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат имиш, сен ошонун өзү болбо? - Койсоңорчу.. - деп баратканда эшик такылдап калды. Ордунан туруп бириси ача койсо Айнура босогодо туруптур, аны көргөн Керим үнсүз артына кайрылып Тилекти карады да, Айнурага: - Кириңиз, чоң кыз! - колун бөлмөнү карай жая эңкейип койду, - Мархамат! - Рахмат, мен ушул жерден эле - Тилекти чакырып койосузбу? - Жакшы болот, азыр айтам, - деп Тилекке карап үн катты, - Тилек, сизге келиптир. - Азыр, - Тилек ансыз да Айнуранын үнүн угуп ордунан туруп келаткан, - Сен кире бер, мен өзүм, - чыга калып Айнураны көрө кабагын салып: - Эмнеге келдиң? - дегенде Айнура анысына көңүл буруп койбой мойнуна колун арта эки бетинен өөп ийди: - Салам, менин мырзам, келгениме капа болуп калдыңбы? - Эмнеге келдиң дейм? - Сагынып кеттим, анан да чоң жаңылыгым бар, атам менен апам келип сени менен жолугабыз деп жатышат. - А менин алар менен жолуккум келбейт. Бар өзүң кете бер, мындан кийин мени күтпө! - Тилек бурулуп кирип кетээрде Айнура аны карыдан кармай калды: - Эмне, мени мазактап басып кеткиң келип турабы? Сен эми менден оңой кутулам деп ойлобо! - Сен ким экенсиң мага? Керек болсо мен сени тааныбайм! - Эмне-е?! - Айнура чаңырып алып Тилекти жаактан ары чаап-чаап жиберди. Тилек үндөбөй кирип кетти. Көңүлү чөгүп, Калбүбүдөн кабар алалбай, анын жатаканасына баруудан тартынып жүргөндө Айнуранын атасы аны улам кайра-кайра чакырта берип, эми Тилектин маңдайында отурду: - Ко-оош, кана жигит, күйөө болууга даярсыңбы? Бизге кызым айткан. Эгер сөзүңөр бүткөн болсо тойду баштай берсек кандай болот? - А-аа, кечиресиз, бизге али үйлөнүүгө эрте го дейм. Айнура бул жөнүндө айткан эмес эле.. - дегенде Айнура бөлмөсүнөн чыга келип кыйкырып ыйлап кирди: - Калп, баарын айткан өзү, үйлөнөбүз деген, папа! - Айнура, улуу кишилерди убара кылып ушинткениң кантип болсун? - Папа, ал мени шылдыңдап басып кеткиси келип жатат! Мен азыр өлөм анда, жашабайм! - деп жүгүрүп чыкканда Тилек жетип барып кармап калды: - Сага менден эмне керек, Айнура? Башында эле мен сага ачык айтпадым беле, ортодо сүйүү болбосо жашоо болбойт деп. - Ай жигит, мен силердин ызы-чууңарды уккум да келбейт. Демек баары түшүнүктүү, эми сен эч кайда барбайсың, эмки жумага тойду дайындайбыз, эгер макул болбосоң мен сени сразу каматып салам, сөз бүттү! - деди да, папасы чыгып кетти. Тилек башын жерге салып, столго отуруп калды: "Демек, жылаандын куйругун басып алган экенмин. Каматып коюшу да мүмкүн, күнөөм бар. Эгер жолобосом басып кете бермекмин. Соттолуп кеткенче макул болуудан башка аргам да жок, ата-энеме үйлөнөөрүмдү айтпай эле койойун" деген чечимге келди. Айнура: "Кайда бармак элең көнбөгөндө. Акыры меники болосуң, анан көрөм Калбүбү экөөңдү" деп диванга көмкөрөсүнөн жатып алып ойлонуп атты. Ошол күндөн баштап Тилек бир жумага үйүнө кетти. Атасына бир нерсени айтууга бел байлаган менен, оозу барбады. Эки-үч күн туруп эле кайра жөнөдү. Ал келээри менен Айнура аны туулган күнгө барууга көндүрдү. Ошентип алар аерде Калбүбү менен кездешип калышып, ал жерден чатакташып кетишип, кийин үйлөнүү тойлору кечеңдеп, акыры келип Айнуранын өлүмү, Калбүбүнүн түрмөгө түшүшү менен аяктаган. Тилектин бала кезинен жүрөгү ооруп жүрчү. Бул окуядан кийин ал ооруканага жатып калып, зорго өзүнө келди. *** Бул зыңкыя кийинип, көзүнө көзайнек тагынып, кез-кезде келип калчу адамды Кызгалдак көрүп калчу. Ал Дордойдо майда-барат сатат. Үч баласы менен батирде турчу. Күйөөсүнүн көп ичип тынчтык бербегенинен улам ажырашып алган. Кээде маңдайына келип көзайнегин колуна алып, Кызгалдактан чылым алып калат. Ошол күнү дагы ал келип соода кылды да, аны сөзгө тарткысы келдиби же чындап анын жашоосуна кызыктыбы, аярлай калып сурай кетти: - Карындаш, кайдан болосуң? - Нарындан. - Аа-аа, жакшы экен, кожоюнуң барбы? - Кожоюн жок, байке. Үч балам менен батирде турам. - Жакшы-жакшы, -ы, - ал бир азга ойго чөмүлгөндөй чылымын соро туруп калды, - Ата-энең Нарында турушабы? - Ата-энем да жок, апам жакында эле каза болуп калды. - Жаман болгон экен.. Бир тууганыңчы? - Эки эжем, бир агам бар, өз-өздөрүнчө турушат, алардын мени менен иштери деле жок, өз оокатымды кылдыратып жүрөм, - Кызгалдак негедир бул адамга чындыгын айтып отурду. Бул адам ага жакынындай сезилип туруп алды. - Адам баласы жаралган соң ошондой, карындашым, "атадан алтоо болсоң да бир жалгыздык башта бар" деп даанышмандар айткандай бул жумуру баш турпактан жаралып, кайра турпак алдына жашырылганча өз көйгөйүн өзү тартат. Асты балдарың бар экен, бактылуу экенсиң. - Рахмат, байке, бактылуу болсом гана, чиедей үч балам керээлден кечке батирде жалгыз калышат. Кол арага да жарай элек. - Мээнет менен баксаң дөөлөтүн көрөсүң. - Айтканыңыз келсин. - Болуптур, мен барайын. Зериккенимен бираз сураштырып койдум, ага капа болбо. - Эмнеге капа болмок элем, жакшы барыңыз, - Кызгалдак ага жылуу жүз менен карай коштошуп койду. Жыйырма бештеги солкулдаган жаш келин ушул азыркы салабаттуу адамды эсинен кете сүйүп, сүйдүрүп калам деп ойлободу, болгону жылдыздуу адамды улуу адам катары гана кобурашып койду. Ошондон тартып ал күндө анын жанына келип көпкө аркы-беркини сүйлөп туруп анан кетет. Эгер ал келбей калган күнү Кызгалдак бир нерсеси унут калгандай эки жакты карап күтүп калчу болду. Ал адамдын зыңкыя үтүктөлгөн шымы, туфлисин жалтырата майлап алганы, көгүш көйнөгүнө окшош галстук тагынып, башындагы кийген шляпа өзүнө жарашып тураар эле: "Жакшы кызматтарда иштеген окшойт, балдары өзүндөй болуп калгандыр. Аялы да мыкты аял го, ар бир өңдөгү кийими өзүнчө сыны бузулбайт" деп кээде ойлоно берчү болду Кызгалдак. Бул жашоонун табышмагы, бүгүн бар эртеңи туңгуюк дүйнөдө адам баласы көп нерсеге саресеп салбайт тура. Кызгалдак мектепти бүтүп-бүтпөй алагачып алган күйөөсүнө ичинен нааразы. Кадырына жетип үч баласына татыктуу боло албай жаштайында мээнет тартып калганына капа. Анын бир курбусу бар, мектепте окуп жүргөндө экөө абдан ынак болчу. Ал университетти бүтүп мугалимдик кесипти аркалап турмушка чыга элек. Кызгалдак экөө дале ынак, сырдашып, кээде бир үйдө түнөгөндө уктабай таң атырышат. Ошол курбусу Салима бир күнү ага келип калды. Көпкө чейин сүйлөшүп отуруп, анан: - Досум, мен күйөөгө чыгып жатам, аяшың менен эртең тааныштырам, бул жерге эртең чыкпай эле кийинип алып мени күтсөң ушул жерден жолугушабыз, - деди Салима кубанычын жашырбай. - Куттуктайм, досум, бактылуу бол! - Эки бетинен өөп, курбусунун кубанычына тең орток боло күлө карап сурады, - Аяш кайдан, кайсы айылдан, кайсы кызматта экен, деги менин курбумдун кадырына жетеби? - Таластан, университетте кафедра башчысы, маянасы да, иштеген иши да жакшы, ата-энеси бардар турат экен. - Жакшы экен, бактың ачылсын, тилегиңе жет, курбужан. - Рахмат, өзүң да бактылуу бол! - Мен эми үч балам менен кайдан, ушул балдарымды жакшы тарбияласам бактым ошол да, - Кызгалдак сумсая түштү, - Андан көрө сенин тоюңа катышып узатып койсом сонун болбойт беле, бара албайм го, базардагы кийимим менен кантип барам? - Капа болбо, досум, кийимди табабыз, ал жагынан кам санаба. А балдарды болсо сөзсүз интернатка бериш керек, болбосо балдар да, сен да кыйналасың. - Койсоңчу, уккандар "балдарын таштап коюптур" деп эми эле кеп-сөз кылышпайбы? - Жөнчү ай, кыргыздын түшүнүгү жок ушактарын угуп болобу. Ал жерге сен биротоло таштабайсың, балдар үйү эмес ал жер, интернат ал, кааласаң каникулда алып келип турасың, таза, тартиптүү болуп чоңоюшат. - Билбейм, кыйналсам да жанымда жүргөнү жакшы го дейм. Үчөөнүн тең күбөлүгү жок. Кызым быйыл окуш керек эле… - Сумсайба, сулуум, балдарды жайгаштырабыз. Өзүң да жерде калчу селкилерден эмессиң, серпилип чыга калсаң жигиттер өзү эле жүгүрөт. - Ай-иий, мени сен жомоктогудай бакытка бөлөп ийдиң го, эми үч балам менен кайсы эркекке жакмак элем, укканда чалкасынан кетет ко? - деп Салиманы карады. - Эч кандай качпайт, "атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" дегендей, сени жасап-түзөп койсо тим эле кыздар биякта калат. - Рахмат, курбум, аз болсо да көңүлүмдү көтөрүп койдуң, - Кызгалдак күлүп калды. Бир аздан кийин Салиманы узаткан ал ойлонуп калды: "Эмне экен, кыйналып жүрө бергиче берсе берип койойун, биротоло жетимдер үйүнө таштаган жокмун, көрүп турам" деп Салиманын оюн туура көрүп ынанып, көз алдына балдары келе: "Күчүктөрүм десе, келечегиңер жакшы болсо экен, силер бактылуу болсоңор менин бактым ошол" деп улутунуп алды. - Салам, чоң кыз, - деген үндөн баш көтөрсө баягы салабаттуу адам келиптир. - Келиңиз… - Кызгалдак салабаттуу адамды бир нече жолу көрсө да аты-жөнүн билчү эмес. - Карындаш, туура түшүнсөң таанышып алалы, менин атым Макулбек, - Колун сунду ал. - Кызгалдак. - Оо, тим эле атыңызды таап койгон экен, тоонун жаңы ачылган кызгалдагындай ачылып турган кезиңиз экен, жөн эле… - Рахмат, - Кызгалдак кызара түштү: "Тобо, улгайган адам жаш жигит айтчу сөздү айтат, кантсе да жүрөгү жаш го?" деп ойлоно кетти. Макулбек биздин баш каарманыбыз Калбүбүнүн атасы менен бир туугандын баласы. Алтымыш бирге чыккан. Өзү курактуулар уул үйлөп, кыз берип калышкан. Кезинде аны достору үйлөнтүүгө аракет кылышса да болбой койгон. Ал аскерге кеткен учурда айылда сүйгөн кызы Шайым узатып калган. Катты үзбөй жазып, "сүйөм, күтөм" деген Шайымдан кийинчерээк дайын чыкпай калып, бир күнү аны алакачып кеткени жөнүндө суук кабар алды. Ага удаа эле агасынын үйлөнгөнү жөнүндө кат келди. Бири сүйүнүч, бири өкүнүч кат алган Макулбек үйүнө кат жазып жеңесинин сүрөтүн салып жиберүүсүн өтүндү. Арадан бир ай өткөндө өзү күткөн кубанычтын ордуна жүрөгүн муздаткан кат колуна тийди. Эң улуусу кыз, андан кийин эки уул, үч кызы бар, чоң үйбүлөдө өскөн Макулбек агасы Сопубектен төрт жаш кичүү. Сопубектин үйлөнгөнүнө кубанган Макулбек мындайча кат жазган эле: "Саламатсыңарбы, ата, апа, байке, карындаштарым, баарыңарды үйгө бир бүлө кошулушу менен - Сопубек байкемдин келинчектүү болушу менен куттуктайм. Жеңеме салам айткыла, жоокер кайниңден дегиле. Байке, жеңемди бир жылга чейин көрбөй кантип жүрөм, экөөңөрдүн сүрөтүңөрдү салып жибергиле. Мен бир жылдан кийин барып калам. Жоокер уулуңар Макулбек, 1951 ж. 5-май" Бул катты жазып почтага салгандан кийин да өзүнчө толкунданып жүрдү. Шайымдын күйөөгө тийип кеткенине канчалык жини келип унуталбай жүргөнү менен үйбүлөсүндөгү кубанычка кайдыгер карай албайт эле. "Мейли, балким Шайымды алакачып кетишкендир, же мени мендей сүйбөгөндүр, кыздар бирин сүйсө бирин сүйбөй мамиле кыла беришет эмеспи, кимиси алса ошого тийип кете беришет, алсыз, эрксиз болушат" деп көп ойлончу. Үйүнөн кат келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрүп, күткөн күн да келди. Ал катты алып ачып эле ичиндеги оролуу сүрөттү көрүп жүрөгү лакылдап, колдору калтырап, кат колунан түшүп кеткенин байкабай тура берди. Көзүнөн жашы таамп жатканын сезбей, сүрөттү карап нес болуп турганда жанына бир солдат келип: - Макулбек, сага эмне болду, жаман кабар келдиби? - деп жерге түшкөн катты ала койду. Ошондо гана эсине келе калган Макулбек көз жашын аарчый күлүп калды: - Жо-жок, дос, жаман кабар эмес, жакшы кабар уктум, агам үйлөнүптүр, жеңелүү болдум, ошого кубанганымдан.. - Ой ата-аа, ошого да ушунчалык.. Мен дагы чоочуп кеткенимчи. - Агамды абдан жакшы көрөм, үйлөнгөн тоюнда болбой калганыма ыйлап ийдим го, анын үстүнө үйдөгүлөрдү сагындым. - Ырас эле мен дагы араң көндүм. Ата-энеңдин маңдайындагыдай болбойт экен го? Экөө аркы-беркини сүйлөшүп отурушуп, анан кечки тамакка жөнөштү. Жыл айланып Макулбек армиядан келип, ата-энесине учурашып, агасы менен жакшылап көрүшүп, Шайымга ооз учунан саламдашып, баш ийкеп койду. Ошондогу үч күн көңүлүнө көк чайдай гана тийди го. Классташтары менен жүрүп, кечинде кеч келип жатып алат да, эртең менен кетип калып зорго үч-төрт күн туруп, ата-энесинин каршы болгонуна карабай шаарга кетип калды. Окууга тапшырды. Сопубек өзүнчө түтүн булатып бөлүнүп кетишкен. Кийин ал инисинин таарынычын угуп калып катуу өкүнгөн экен. Баары кеч болчу. Макулбек: "Менин агам эмес, башка бирөө алагачып кеткен болсо да бир жөн эле, тагдыр ай, ушунчалык тамашакөй белең? Неге мен башкалардай болуп баардык нерсеге кайдыгер карай албайм? Өзүмдү өзүм соолута турган болдум" деп кейип жүрүп жылдар өттү. Ата-энеси канча ирээт: "Үйлөнсөң боло, сендейлер эки-үч балалуу болуп калышты" деп айтышса да укпады. Атасы өлгөндө Шайым менен беттешүүдөн качып жакын жолой албады. Ошентип өмүр бою тууган-уругунан алыстап жүрүп жашы алтымышка жакындап калганын, өмүр деген кызык учурду арманда өткөрүп ийгенин кеч түшүндү. Сопубек да өзүн күнөөлүү сезип, экөө бир туугандай чечилип сүйлөшө алышпады. Энеси да Макулбектин үйлөнбөй жүргөнүнө кабатыр болуп жүрүп өтүп кетти. Убакыттын өтүшү менен баары унутулгандай да болгон. Сопубек улуу уулун үйлөнткөндө Макулбекти өзү келип бир күн мурун чакырып кетти. Ошол күнү Сопубек бир чечилди бейм. Инисин сыйлап тамак-ашын жайнатып ортого бир бөтөлкө аракты койду да, сөз баштады: - Иним, агаңдын кетирген катасын кечир, сүйлөшкөнүм бар деген кызга ким боор оорумак, кыргыздын салты экен ала качмай… - стаканды колуна алып улутунуп койду, - Мен билбедим, мына үч уул, эки кыз турат, алар сенин ини-карындаштарың. - Оо-ой байке, койсоңчу кайдагыны айтпай. Бала кезде болсо болгондур, бирок сизге эч кандай таарынычым жок, антип ойлобосоң. - Андай болсо неге үйлөнбөйсүң? Өзүң келишкен ветврачсың, үй десе үйүң, дүнүйөнү жыйнапсың, бир гана келин жетишпей турат. - Ылайыктуусун таппай жүрөм байке, эми болсо да үйлөнөм, кабатыр болбоңуз. Сиз тапсаңыз да мейли, - Макулбек бажактай күлүп калды. - Атамдар сени качан үйлөнөт деп күтүп жүрүп өтүп кетишти. Эми мен сени үйлөнтүп келин баланын чайын ичели. - Буйруса болот, буйруса… Ошол күнү ага-ини ичтеги сырларын ачышып, бири-бирине ыраазылыктарын билдирип, качантан берки чери жазылып, бир туугандык сезимдери агарып калды. Келин алып, кыз берди Сопубек менен Шайым. Баарынын башында Макулбек турду. Бирок анын үйлөнөм дегени аткарылбай жатты. Шайымдын да улгайып калган учуру. Кээ-кээде жарк этип көз алдына анын кыз кези, өзүн аскерге узатып тургандагы саамай чачынын желге сеңселип турганы тартыла калып: "Байкушум, бул да улгайды, менин бир тууганымдын алган жары, өзүм сүйгөн кыз" деп жылмайып алат. Бир күнү үйүндө жалгыз гезит окуп отурганда агасынын кичүү баласы келип, аны чакырып келгенин айтты. Өзүнүн туулуп-өскөн жери Чоң Кемин, бирок бойго жеткени ал жакка каттабай, жакындан бери агасы кайра-кайра чакырып, өлгөн-житкенге, той-топурга катыша баштады. Ал келгенде Сопубек бир коюн көтөрө чаап, алдына бар тапканын коюп сыйлап жатты. Койдун эти эми алдыга келээрде сырттан Шайым менен бир келин кошо кирди. Ал Шайымдын сиңдилеринен болчу. Күйөөдөн ажырашып, эки баласы менен жалгыз жашап жүргөн. Кырктарга чыгып калган. Шайым ага ачык эле айтып ээрчитип келген. Дасторкондо сүйлөшүп отурушту. Кара торусунан келген кара көз, кара каш келин Макулбекке жакты: "Мейли, Шайымга жакса үйлөнүп алайын" деген ойдо отурду. Бир-эки жума өтүп экөө үйлөнүп, шаарга келишти. Эки баласы чоңоюп калган эмелер Макулбектен чоочуркап жүрүп, акыры көнө түштү. Замира шайыр, ачык-айрым келин, бирок үй-оокатына жок болуп чыкты. Мурда жалгыз жашап жүргөндө мисирейип таптаза турчу үй ичи эми чачылып, чечкен кийими ордунда калганын көргөн Макулбек өзүнчө өкүнүп алды. Ичкен идишин дароо жууп, ордуна коюп, төшөнчү-орунун өзү тазалап чаң жолотпой көнүп калган неме жүдөп кетчү болду. Балдары ар кайсыны кармап, кээсин бүлүндүрө башташты. Ал ансайын ичтен сызып, Макулбек балдарды акырын айтып да көрдү. Балдарга анын сүйлөгөнү өөн учурап, Замира кабак-кашын салып, сүйлөбөй калат. Үч айдын ичинде Макулбек тажап кетти. Анан дагы ал азыр жумуш жок, үйдө отургандыктан баардык нерсе көз алдында болуп жатканына жини да келип кетчү болду. Акыры Замира менен ачык сүйлөшкүсү келди: - Замира, бу балдарды айтсаң боло, бейбаштык кылбасын, керектүү буюмдарды кармалабасын. Кечээ тиги терезени жарака кетирип коюшту. Буюмду да аяш керек, менин карандай эмгегим да, - деди аста гана. - Баланын сырын билсең минтпейт элең, бала деген бала да. "Балалуу аял - балээлүү аял" дегенди билесиңби? Сен жалгыз жашап көнүп калганга ошондой көрүнүп жаткан го, көп балага караганда менин балдарым жоош, кичине эркин болуп ойноп койгону жакпадыбы? - Андай деле эмес, анча-мынча какыс-кукус кылып койсоң эмне болот? Мен жөн гана бүлдүрүп-сындырбасын деп атам. - Балдарымдын жакпаганы ырас болсо, мен биерде эмне кылып жүрөм? Андан көрө өз жолум менен болоюн, бирөөнүн жаман сөзүн тийгизгим келбейт! - Кетем дегениң туура эмес, балага тарбия бериш керек, керек болсо мени да уксун, сени да уксун. Экөөбүздүн тең тилибизди укпаса кийин эмне болот? - Макул, мен айтайын, болбой баратса сен да айт, - Замира муюгандай болду. Макулбек ошондон кийин ар бир нерсени айта бербей, балдарды акырын акыл айтып түшүндүрүүгө аракеттенчү болду. Антип балдарды ыкка келтирип үйрөтө баштаган менен, Замиранын көнгөн адаты калбады. Бир күнү базарга жөнөп кетип жатып чечкен кийими ордунда кала берди. Ичинен тынган Макулбек ошол бойдон тим койду. Ашканага кирсе идиштер ар кайсы жерде, жуулбаган бойдон чачылып жатат. Газдын үстү тазаланбаган, ар кайсы жери темгилала, сарала болуп калыптыр. - Өх! - деп алды Макулбек, - аял албай эле балээ алган экенмин го, ушундай балитинен күйөөдөн чыккан го, сыягы, - деп кобуранып кайра сыртка чыкты. Диванга отуруп гезит карап жатса сырттан эки баласы кызыл чеке болуп урушуп киришти: - Караңызчы, менин тобумду бербей атат! - кичүүсү Макулбекти карай арыздана кетти. - Ыкы, меники болчу, жөн эле талашып жатат, - тигиниси ага моюн бербей төркү үйгө кире качты. Макулбек ордунан туруп барып, экөөнү элдештирүүгө аракет кылып: - Улуусу дайым кичүүсүнө колундагысын берет, сооротот, ойнотот, бер иниңе, - деди эле улуусу болбой кайра сыртка качып чыгып кетти. Беркиниси өкүрүп-бакырып ыйлап жатканда Замира кирип келди: - Эмне болду? Мени келбейт деп ойлоп, баламды уруп жатасыңбы? - дегенде Макулбек таңгала карап, диванды карай басты: - Аны балдарыңдан сура! - үңкүйүп Замиранын сөзүнө жини келип отуруп калды. - Эй шүмшүк, үйдө эмне жалгыз калдың? Нурдин кана, андан бөлүнбөй жүрбөйт белең? - деп алкылдаганда баласы ого бетер өңгүрөп: - Нурдин топ бербей атат! - деди эле Замира аны жонго дүп эттире бир урду да: - Чык эшикке, экөөңдү тең өлтүрөм! - деп ашканага кирип кетти. Кичүү баласы сыртка чыга жөнөдү. "Аттиң, - деп алды отурган жеринде Макулбек, - кайдан да катын деген балээге кабылдым эле? Ушундан көрө биротоло бойдок өтсөм эмне, эми кантип кет деп айтам, канткенде кутулам - дагы үч ай жүрсө үйүмдүн тамтыгы чыгып бүтөт го?" - деп ойлонуп отуруп, ашкана тарапка кулагын түрдү. Калдыратып идиш жууган өңдөнүп аткан Замира күңкүлдөй сүйлөнүп атат. Колуна кармаган гезитин окуган болуп, Макулбек анын сөзүнө кулак салып отура берди. - Кайдан да күйөөгө тийдим эле, балдарымды бөөдөй кууруй турган болду. Баланын сырын билген эле кишиге чыксам болмок экен. Деги балээден кутулбасам балдарымды өлтүрүп алам го? - деген ал калдыратып колунан келишинче идиш-аякты калдыр-кулдур эттирип атты. Макулбек үндөбөдү, эчтеке укпагандай болгону менен ичинен өкүнүп: "Сен эмес, мен балээге кабылыпмын. Ушундан көрө тезирээк кетип калганың жакшы эмеспи" деп ойлонуп ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Көпкө чейин албууттанган Замира сыртка чыгып эки баласын чакырып кирип урушуп, анан кайра экөөнү өөп: - Экинчи бейбаштык кылганыңарды көрбөйүн! Ушу экөөңөрдүн айыңардан эч жерге батпай куу тумшук болдум го, - деди көзүн жаштай. - Апа, мен эмес, Нурдин өзү, топту мага бербей атпайбы! - Алең бырылдап ыйлап жиберди. - Мен балдар менен ойноп атсам талашып жатпайбы балаң. Айтсаң апа, экинчи талашпасын, - Нурдин моюн бербей апасынан боюн ала качты, - Чоң балдар ойноп жатканда тийишпесин. - Сен улуусусуң, ошондуктан иниң талашса берип коюшуң керек. Деги силерге Макулбек сүйлөгөн жокпу? - Жок, эчтеке деген жок! - Алең чындыгын айтканда Замира аны жонго койду: - Эмнеге анын жанына келип боздоп атасың? Ал сага боор ооруп коймокпу, экөөңөрдү өлүп кетсе экен деп аткандыр! - Ушунуң кантип болсун, мен эмне - ошончолук эле кара өзгөй адам бекемин? - Макулбек кирип келип ачуулана кетти, - Кой, мындай жашоонун кереги жок. Ушунчаңарда барчу жагыңа бара бер, бул жашоодон деги тажап баратам. - Кетсе кетем эле, кетпегенде мен эмне, жармашып калат дейсиңби? Кара башыңды багып отура бер, ошон үчүн өмүрүң өткүчө куубаш болуп жүрөсүң да! - Замира алкынып кийим-кечелерин чогултуп жатып сүйлөп атты, - Жалгыз жашап көнгөнсүң, жашай бер! - Жашай берем, кулагым тынч, жаным тынч, - Макулбек төрдө жаткан кийимдерин көрсөтө сүйлөдү, - Мына чечкен кийимиң чечкен жерде калат. Жыйынчактуу аял керек мага. Ашкананын кейпин көр, эмне деген балиттик? - Көрөм сенин жыргап кеткениңди. - Айтышпай сыйың менен жөнө. Менин сени менен жаакташайын деген оюм да жок! - А сен эмне эле менин балиттигимди айтып жаманатты кылып атасың?! - Ай басчы бери, - Макулбек аны колунан ала жетелей ашкананы көздөй жөнөдү, - Келгениңе үч ай болду, мына муну карачы: аял жашаган үй кантип ушундай болсун, деги бир нерсе жасап көргөнсүңбү? - Тазалаганга колум бошобой атпадыбы. - Керээлден кечке эмне иш жасап атасың? Же менин бүтпөгөн ишим бар беле? Ичкен идишиң эки күн турат чымындап. - Эми мен кетсем таза болуп жашай бересиң, - Замира тултуңдай аркы бөлмөгө барып кийимдерин көтөрүп балдарын ээрчитип чыгып баратып, - Ылайым жакшылык көрбө, баланын үнүн укпа, какбаш болуп жалгыз тамда өл! - Бас жаагыңды! Кетериңде сый кет! - Баспаганда эмне кыласың? Урасыңбы? Кел ур, саба, ушу сенден бирди көрүп анан кетейин! Замира кайрыла калып албууттана сүйлөп киргенде Макулбек жете келип колдон ала жетелеп босогодон чыгарды да, эшигин жаап алып диванга отуруп башын мыкчый калды: "Тобо-оо, ушунчалык долу экен да, дагы жүргөндө кандай өнөрүн көрөт элем ким билет - кеткени дурус болду" деп ойлонуп "Өх!" деп алды. Ошол ошо болду, Макулбек андан кийин үйлөнүүнү ойлободу. Аялдар деген кулпулануу сандыкка окшош, ичинде эмнени ойлоп жатканы белгисиз. Сыртынан өздөрүнүн сулуулугу, өңү-түсү менен арбаганга маш. Аял аттууну жек көрүп калды. Жакындан бери гана Кызгалдакка шынаарлай баштады. Качан болсо анын элеси көз алдында. Муңайым үнү, кирсиз таза ойлуу сүйлөгөнү, ийменчээктиги. "Балким ал мени улуу адам катары сыйлап, шагымды сындырбай жүргөндүр, менин арзуумду укса күлөөр, "карыган какбаш" дээр, "алжыган чал" деп жанына жолотпой койоор. Оо жалган дүйнө, мен сүйүү үчүн төрөлдүм беле - көздү жумуп чалпоо аял болсо да жашап кетейин десем да жашоо болбоду. Эми ушул жылдыздуу келин менин сунган колумду кармаар бекен же жүзүн буруп басып кетеби?" деп ойлонуп, үйүндө аркы-терки басып жүрдү. *** Кызгалдакты Салима ой-бойуна койбой үйлөнүү тоюна алып кетти. Үч баласын коңшусуна дайындап, эртеси эле келмек болду. Үйлөнүү той жаңыча өттү. Эки жак биригип кыз-күйөөгө үй ичин толтуруп, өздөрүнчө бөлүп коюшту. Келин жумшап, кызматын көрөлү дебеди. Жаштар өздөрү билгендей жашасын дешип, өз үйлөрүнө тарашты. Кызгалдактын жүрөгүндөгү өкүнүч кайрадан тутанып, өзү каалап сүйүп тийбегенине арман кылып атты. Үйүнө келип эки күн жок болгонго балдарынын ачка калганына зээни кейип, өксөп ыйлап алды да, тамак жасап берип тойгузуп коюп, базарга жөнөдү: "Жакында батир акысын беришим керек, акчам жетпей калса чыгарып койот го?" деп ойлонуп, ордуна келип товарын жайып соодага киришти. Кызгалдак өзүнүн ач-тогуна кайыл, балдарын тойгузуп, кийгизип, батир акысын бергенине ыраазы. Жан терин чыгара иштеп таң эртеден күүгүмгө чейин соодада болсо да жетпейт, өп-чап. Билинбей убакыт өтүп, батир акысын берээр күн да келди. - Эже, эртең берейин, аз жетпей турат, - деди ал батир ээсине. - Бу кандай, эртең дебей өз убагында бергиле дебедим беле. - Эртең сөзсүз берем, эже, бир күн күтүп коюңуз. - Болуптур, эгер мындан ары дагы кечиктире турган болсоң өзүң эле чыга бер, макулбу? - Ооба, эжеке, кечирип коюңуз, эми мындай болбойт, - Кызгалдак жалдырап көпкө туруп, анан жумушуна жөнөдү. Ыйлап алды. Тагдырына кейиди, аргасыз алаксып соода жасаганга өттү. Анын жанына ошол күнү Салима келди. - Кандай Кызгалдак, денсоолугуң жакшыбы, балдар жакшы жүрөбү? Эмне көңүлүң суз, бир нерсеге капаландыңбы? - Үстү-үстүнө суроо берген ал курбусун кучактай өбүшө кетти. - Өзүң кандайсың, досум, жакшыбы? - Баары жакшы! Марс мени аййа-аабай жакшы көрөт, тим эле жумуштан келгиче сагынышып калабыз. - Жакшы экен… - Кызгалдак ойго чөгө түштү. Алагачып барган күйөөсүнүн биринчи күндөн баштап ичип мас болуп алып: "Мен алагачып албасам эрге тийе албай карадалы болмоксуң, азыр канча кыздар эр таппай көчөдө сойку болуп жүрөт" деген сөзүн эстеп алды. - Сага эмне болду? Санаалуусуң, бир сыр бар сенде, ушу сен кыйналып жүрөт окшойсуң? - Жо-жок, Салима, азыр ойлосом, күйөөм алагачып баргандан баштап бир жаштардай кылып эркелетип, жакшы сөз айтпаптыр. Күндө ичип алып: "Тиги досум сыйлады, бу досум аял алыпсың деп жууп берди" деп мас болуп келчү. - Ой кокуй күн десе, эми анын эмнесин ойлоносуң? Мына жашайт деген ушул - оокатыңды жасап, үч баланы багып атасың.. Аны унутуп сал. Баса, биз Марс экөөбүз балдарды тапшырганга сүйлөшүп койдук. Эртең метирке жаздырып келем. - Метрике жаздырып алып бергениң го жакшы, тиги.. интернатка тапшыр дегениң мага жакпай турат. - Кызыксың, балдарды тапшырып коюп өзүң биз менен тура бер, анан бир күнү багың ачылып кетсе ажеп эмес. - Туугандарым укса "балдарын багалбай жетимдер үйүнө берип коюптур" деп жаман көрөт го? - Ошол туугандарың сен кыйналганда бир басып келип абалыңды сурадыбы, жардам берип көңүлүңдү уладыбы? - Ошентсе да… - Кызгалдак, сен али жашсың, гүлгүндөй курагыңда эле бала багам деп өзүңдү өзүң жок кылышыңа мен каршымын! Сени мен бутуңа тургузам, жардам берем, колдойм. - Рахмат, Салима, ыраазымын сага, бир туугандарым айтпаган сөздү айтып ичимди жылытып жатасың, көңүлүмдү көтөрүп койдуң, - Кызгалдактын көз чарасы мөлтүлдөп жашка толо түштү, кареги ирмелсе төгүлүп кетчүдөй болуп, оозун кымтый тиштене туруп калганда Салима анысын байкай коюп, кучактап көзүнүн жашын аарчып: - Алтыным десе, кейибечи, өзүңдү өзүң соолутпачы. Карасаң, сени үч баланын энеси деп ким айтат? Сен бактылуу болосуң, болуп көрбөгөндөй сүйүүгө кабыласың! Көрөсүң го, мен айткандай болот! - деп чын пейилинен аны сооротуп жатты, - Андан көрө эртең сен балдарыңды жуундуруп-кийиндирип даяр болуп тур, Марс экөөбүз келип алып кетебиз. Балдарды болсо сүйлөшүп койгонбуз. - Макул, макул, эртеңкиге батирдин акчасын бералбай ансыз да кыйналып турдум эле. - Ой, төлөп эмне кыласың, сен жалгыз бир менен тура бер. Мен Марс менен макулдашып койгом, беш бөлмө үйдө экөөбүз элебиз. Балдарды тапшыргандан кийин сенин тагдырыңды чечебиз. - Айтканыңа көнбөскө чарам жок, чынында каржалып кеттим, сендей курбудан айланса болоор.. - Сүйлөштүк анда, эртең ушул маалда дал ушу жерден күтөм. - Жарайт, Салима айым! - Кызгалдак кубанычтуу жылмая аны карап койду. Салима коштошуп басып кетээри менен Макулбек аярлай басып Кызгалдактын маңдайында турду. - Салам, чоң кыз. - А-аа, келиңиз, кандайсыз? - Жакшы-жакшы-ы, өзүң кандайсың, карындашым, иштер ойдогудайбы? - Дурус эле… - Кызгалдак, мен сенден бир нерсе өтүнөйүн деп келдим эле.. - Айта бериңиз. - Эгер мүмкүн болсо бир аз чайлашып отурсак жакшы болоор эле. - О-оой байке, менин соодам калып калат го, анын үстүнө товарымды сатып бүтүп алайын, бүгүндөн ары чыкпайм го биякка. - Эмнеге? - Макулбек чоочуп кетти. - Ошондой болуп калды, башка жумушка кеткени жатам. - Ка-аап, жаңы эле таанышканда сени жоготуп алат окшобоюмбу, - Макулбек айласы кете ойлонуп туруп калды, - анда сөзсүз чайлашышыбыз керек экен. - Рахмат, байке, дагы бир жолуккуча денсоолугуңуз болсун, азыр баралбайм. - Болуптур, таарынмай жок. Кана, кайда, кандай жумушка келип атасың? - Азырынча дайыны жок. Курбумдун үйүнө кетип атам, алар мага жумуш караштырмак болуп жатат. - Курбуңдун үйүндө телефон барбы? - Аны билбейм, жаңы үйлөнүшүп эле жакында көчүп кирди. - Балдарың менен чогуу ошол жакта болосуңбу? - Балдарымды кайын-журтум алып кетебиз деп келип атат, бербейм десем да болбой алып кетмек болду. - Туура кыласың, чоң ата, чоң энеси болсо алар кор кылбайт. - Ошондой го? - Кызгалдак балдар үйүнө бере турганын айткандан тартынып калп айтканга кызара түштү. Ар кайсыны сүйлөшкөн болуп туруп, Макулбек базар аралай басып кетти да, кеч кирип Кызгалдак товарын жыйып жатканда пайда болду: - Үйгө шашылба, экөөбүз азыр бир кафеге барабыз, сүйлөшөбүз, анан… - Жок, балдарым күтөт, кеч киргенде менин келээримди билип жол карап турушат. - Жарым саатка күтө турушат, өзүм жеткирип койом. Шагымды сындыра көрбө, Кызгалдак. - Мм.. - Кызгалдак ушул мүнөттө салабаттуу, сүйкүмдүү адамдын жүзүнө тигиле карап: "Ушул адам негедир мага башкача көрүнө берет, неге?.. . Шагын сындырганым болбос" деп ойлоп, анан күлө багып: - Болуптур байке, көңүлүңүз калбасын, - деп сумкаларын көтөрүп камераны көздөй басканда Макулбек ага жардам бере колунан ала коюп кошо басты. Алар Дордойдогу эң ири ашканага кирип орун алганда мурунтан эле даярдалгандай тамак-ашты официант алып келип койду. Куурулган тооктун эти, суусундук менен кошо импорт вино келгенде Кызгалдак эмне дээрин билбей да калды. Өзү да ушул мен дегендер кирген кафеде кийиминин жупунулугунан тартынып отурган: "Бул адам не дегени турат, мендей бечарада сүйлөшө турган кандай сөзү бар болду экен? Үйбүлөсү билсе эмне дейт? Кокус аялы көрүп калса мени сойкулардын бири деп ойлоп калат ко… " деп ойго түшүп кетти эле: - Кана эмесе, чоң кыз, тамакка карайлы, - деген Макулбектин үнү аны селт эттирди. - А-аа, алыңыз, адегенде сизден келсин, - Кызгалдак ыңгайсыздана ага карап жылмая кашыкты кармап тамакка салып дагы ойго берилди. Бир аз тамактангандан кийин Макулбек винодон куюп экөөнүн алдына койду. - Кел эмесе, таанышканыбыз үчүн. - Байке, мен иччү эмес элем… - Ошо кантип болсун, мындайда ичпейм деген болбойт, анын үстүнө жаңыдан таанышып жакшы сырдаша электе сени жоготуп алганы турам, мен үчүн бул абдан өкүнүчтүү… - Сиз тим эле жаш жигиттердей сүйлөйт экенсиз, таанышканда не, сиз менен менин ортобузда кандай сөз болмок эле… - Эң башкысы ошондо болуп атпайбы, - Макулбек ойлуу рюмканы кармаган бойдон Кызгалдакты тигиле карап турду, - Билсең мен сүйүүдөн жабыр тарткан адаммын, - Ал болгонун болгондой кылып айтып бергенде Кызгалдак үнсүз дымып отурду. Ал ушул адамды көкүрөгүндө сактап күтүп жүргөнүн ушул саатта сезди: "Эмне экен, картайса да адам кадырын билчү жан экен, жаш күйөөм кайсы жакшылыкты көрсөттү эле? Жадагалса дурустап кучактап эркелетүүгө жарабаган эле го, сүйсө сүйө турган адам экен".. - Макул эмесе, байке, сиздин денсоолугуңуз үчүн ичип койолу, - Кызгалдак рюмканы көтөрүп бир аз алып кайра койду. Чынында бир аз тапкан тыйыны батири менен балдарынын кардына жетсин деп жакшыраак тамак ичпегенге алдындагы тамакты сугалактык менен ичкенден тартынып, аста алып отурду. - Көп отуруп калдык окшойт. Сен да балдарыңдан көөнүң тынбай турат, андан көрө дагы бирден алалы, - Макулбек винодон дагы бирден куйду, - Мен өзүмдү сүйүүдөн жолу болбогон адам деп эсептейм, өмүрүмдүн акырында жараткан экинчи жолу сүйүү берип жатканда андан да куру каламбы деп корком. Келчи, Кызгалдагым, сүйүү үчүн ичеличи, картайганда мага азап алып келген сүйүү үчүн ичеличи! - Мейли байке, мен сүйүп көрө элекмин, андай эле сүйүүнүн азап-арман алып келери чын болсо сүйүү келбей эле койсун демекчимин! - Кызгалдак жылмая карап ал адамдын көңүлүн көтөргүсү келип закуска сунду. - Сүйүү деген келгенде канаты жокко канат бүтүрүп, булут үстү менен басып калат адам баласы. Жетпей калсаң дүйнөң караңгыга айланып, жашооңдун ар бир мүнөтү тозокко бурулат го, чиркин! - Экинчи сүйүүңүзгө жетишиңизге тилектешмин жана бүгүнкү сыйыңызга ыраазычылыгымды билдирип, көп-көп ырахмат айтам. - Эч нерсе эмес. Ошол экинчи сүйүүмө жетишиме сен гана жардам бераласың, Кызгалдак! - Коюңузчу?! - Келин чоочуп кетти, бирок ушундай болоорун ал билген, сезген, ишене албаган. - Чындыкты айттым, сен гана… - Макулбек ойлуу: "Аттиң ай, чоочуп кетти. Түз айтсам атамдай болуп туруп уялбайсызбы деп басып кетээр, жо-жок, бир аз да болсо маңдайымда, жанымда тура турсунчу" деп ойлоно колун сүлгүгө аарчый ордунан турганда Кызгалдак да турду. Экөө сыртка жөнөгөндө кафеде отургандар экөөнү узата карап таңгалып калышты. Экөө көчөгө чыкканда павильонго кайрылып, Макулбек бир топ тамак-аш, шоколад, конфет алды да, Кызгалдак менен чогуу жөнөдү. Алар келгенде улуусу жети жашар, ортончусу беште, эң кичүүсү үчтөгү эки эркек бир кыз жолдо турган экен - Кызгалдактын этегине жармаша чурулдап калышты. Бөлмөгө киргенде ал абдан жупунулугунан уялды. Балдары чурулдап конфет-печеньеге алаксып калышканда Кызгалдак дасторкон жая арыдан-бери чай коюп жиберди. Макулбек ушул жылдыздуу жаш келиндин балдарына негедир ичи элжиреп, өз балдарындай имерилип ар бири менен сүйлөшүп атты. Улуусу кыз бала эмеспи, эсине кирип калган неме жал-жал карап коюп, инилерин ашыкча сүйлөсө тыйып жатканы ого бетер жакты: "Кантсе да эненин тарбиясы го, бири-биринин сөзүн угуп баш бергени" деген ойдо турду. Бир аздан кийин Кызгалдак аларды бир бурчка отургузуп, өзүнчө конфет менен нанды алдына коюп койду эле, үчөө божураша отуруп калганда Макулбек ыраазы болду: "Жакшы аялдын тарбиясы, балдарын эмес, өзүн тарбиялай албаган аял… Аттиң, колума куш болуп конуп берсе бөпөлөп багып алмакмын, балдарын деле ала кетет элем, мындай аял үйгө кут алып келмек" деп ойлонуп алды. Келгени кетүүнү ойлонбогон адамга Кызгалдак таңданып атты: "Кызык, кетейин деген ою жок, кет деп айтсам уят.. Мейли, бир аз отуруп анан кетээр. Колу ачык адам экен, балдары болбосо эрмектешейин деген го" деп кайнап калган чайын алып келип сунуп калды: - Чай ичиңиз, байке. - А-аа, ичели. Өзүң да отур. - Ийи, - Кызгалдак сыңар тизелей отуруп, өзүнө чай куюп нан сындырып дасторконго эмеле келген конфет-печеньеден койду. Кант да түгөнүп калган экен. Өзүнчө уялган менен, аргасыз чайдан сунуп атты. Бир-эки чыны чай ичкенден кийин сүйлөшүп отуруп кетеринде Макулбек чөнтөгүнөн блокнот алып чыгып телефон номерин жазып, Кызгалдакка сунду: - Бул менин үйүмдүн телефону, жок дегенде бир жолу эсиңе алсаң чалаарсың. - Мейли, балким колум бошосо чалам, байке. Негизи, менде толгон деле дүнүйөм жок. Эртең балдарды алып кетсе мен дагы кетем го. Сизди кантип унутайын, рахмат сизге бүгүнкү сыйыңызга, жакшы адамдын жакшылыгы эстен кетмек беле? - Жакшы адам катары баалаганыңа ырахмат. Мен эми үйгө барайын, кетсең жакшы бар, аман жүр! - Макулбек ордунан туруп сыртка чыкты да, коштошуп жөнөй берди. Анын артынан караңгы түнгө сиңип бараткан караанды узата карап турган Кызгалдак улутунуп алды: "Кандай жакшы адам! Эгер үч балам болбосо мага үйлөнөөр беле - азыр балалуу аялдан эркектер качып турат эмеспи". Макулбек аерден узаган сайын аялуу буюму кала берген сымал улам артын кылчак-кылчак карап коюп кетип жатканда келиндин өзүн узата карап турганын көрүп токтой калды: "Балким ал дагы мени сүйөөр. Эгер Кызгалдак мага жар болууга макул болсо үч бала эч качан тоскоолдук кыла албайт, анын үстүнө үчөө тең жаш экен, тарбияга бат көнөт" деп ойлоп, кайра бурулуп үйүн көздөй кадамын тездетти. Эртеси Салима келээр тушта балдарын кийинтип алып бир аз жүгүн сыртка чыгарып коюп коңшусуна дайындап, жолукчу жерге келсе Салима күйөөсү экөө эбак келип күтүп турушкан экен. Аны көрүп машинадан түшө калып экөө тең учурашып, балдарын өөп машинага отургузду эле: - Марс, бул жигиттерди апасын сыйлап бир кафеге киргизип койолу, - деп Салима күйөөсүнө карады эле, ал макул боло жол боюндагы кафеге токтотту: - Сенин айтканың айткан да, кожейке, сен не десең мен даярмын! - А мен дагы сен үчүн дайым даярмын, мырзам, - Салима эркелей күлүп койду. - Салима, тим эле койсоңор боло, ансыз да көп жакшылык кылганы турасыңар, балдар эмеле тамактанып алган, ток эле… - Ошо да кеппи, үйдүн тамагы башка, ал эми кафе деген кафе да, - Салима Кызгалдакты жонунан таптай сүйлөдү, - Туурабы, Алия? Салимага не деп жооп берерин билбеген кыз апасын бир, аны бир карап тим болду. Анын үстүнө кафе деген эмне экенин да билчү эмес. Шаарга келгени таңдан кечке базарга кетип баратып батирге камап кетип, келгенде аччу. Апасы аларды жакындан бери гана ачык калтырчу болгон. - Алия, жүрө гой, - Салима аны колдон жетелеп алды, - Айтчы садага, кандай тамак жагат? - Билбейм.. - Салима, ишенсең балдарым кафе деген эмне экенин да билбейт. Келгенден бери бир жолу көчөгө чыгара элекмин, - Кызгалдак өзүн күнөөлүүдөй көрүп кетти. - Ой алтыным десе, кечирип койчу, мен жөн эле сайрай берген турбайымбы. Аңгыча кафеге кирип келишти. Мурун кирген Марс төр жактан орун даярдап койгон экен. - Ушул жер ыңгайлуу экен, балдарды жакшылап отургузчу. Мен сыртка чыгып кайра келем. Салима эки кичинесин отургузуп, Кызгалдак аларга жардам берип орун алышканда официантка келип калды: - Менюну көрүңүздөр, - кайра чыкылдап кетип башка жумушуна киришкенде ар бири өздөрүнчө менюдан тамак тандап атканда Марс келди. - Эмне заказ кыласыңар? - Официантка калем-кагазын алып кайра келип сураганда: - Мага бифштекс, - Салима өзүнө сүйлөдү. - Мага лагман, - Кызгалдак батына бербей бош айтты, - ал эми балдарга болсо үчөөнө бир порция болсо жетет. - Сен кызыксың го, Кызгалдак - балдарга бирден куурдак менен суусундук апкелиңиз, ал эми мага болсо шашлык, - Марс официанткага заказды шар айтып жөнөтүп жиберди. Ал жерде балдары менен тамактанып жатып да курбусунун пейилине, күйөөсүнүн марттыгына ичинен ыраазы болуп отурду. Ошол эле күнү сүйлөшкөндөй үч баласын тең интернатка жайгаштырып, Кызгалдак Салималардын үйүнө келди. Киргенден таң калып отурду. Беш бөлмө үйдүн ичи толтура мебель, килем-килчеге толгон: "Салиманын бактысы чоң экен, кут кылсын. Пейили жакшы адамдар ушундай бакытка татыктуу" деп ойлонуп атты. Ал азыр батирде калган буюм деп атаарлык төшөнчүлөрүн көргүсү да келбей калды: "Аны кантип ушул үйгө алып келмек элем? Кой, уят болбой эле койойун", деп ойлонду. Эртеси эртең менен чай ичип отурганда Кызгалдакты карап Салима сөз баштады: - Сен бүгүн эс ал жакшылап. Марс сага жумуш караштырат. - Салима, мен камерадагы товарымды беш-алты күн сатып акча кылып алайын, барбасам жок болот да. - А-аа, мейли анда, бирок кечкисин эртерээк келип тур, биз издеп жүрбөйлү сени. - Келбегенде кайда бармак элем, сөзсүз эрте келем. Ар кимиси өз жумуштарына жөнөп кетишти. Салима жумуштан кийин Дордойго барып Кызгалдакты ээрчитип алды да, кийим алып бермек болду. - Азыр экөөбүз базар кыдырабыз. Көңүлүңө жакканын эч тартынбай айт, кымбатына караба. - Салима, ансыз да силердин жакшылыгыңарга кантип жооп берээримди билбей турганда койсоңчу, товарымды сатып бүтсөм кийимди өзүм деле алам го? - Койсоңчу, эртең биз конокко барабыз, сени ээрчитип алам. Көрөсүң, ал жерде Марс менен иштешкен бойдоктору да бар, сенин аларга жагаарыңды бөркүмдөй билем! - Салима күлүп койду. - Салима, мен эч жакка барбай эле үйдө болоюнчу. Ансыз да балдарымды таштап койгонсуп ичим ачышып атат. - Балдарыңдан кам санаба, он күндөн кийин чогуу барып келебиз. Алар көнүп калышат, ал жерде кийим-кечени өздөрү берет, тамак-ашы, жаткан жери таза, жакшы тарбия алышат. Жүрү бол, кеттик! - Азыр… - деп эңкейе бергенде Макулбек артынан басып келип учурашып калды: - Саламатсыңарбы, кыздар? - Саламатчылык, - Салима бейтааныш адамды бүшүркөй карап калды: "Жакындарын таанычу элем, бул ким болду экен?" деп ойлогуча: - Кызгалдак, жөнөп жатасыңбы? - деп Макулбек аны карап сурай кеткенде Кызгалдак кызара жооп берди: - Ооба, бул менин мектепте бирге окуган курбум, аты Салима, таанышып коюңуз, - деп калды. - Жакшы-жакшы, менин атым Макулбек, - колун суна күлмүңдөй карады. - Салима, - Салима да колун сунуп жылмайып койду. Экөөнү алмак-салмак караган Макулбек ашыкча сөз сүйлөбөй ары басып кетти эле, - Мунуң ким, Кызгалдак? - деп күмөнсүй сурап калды Салима, - Канткен менен сулуу киши экен. - Ушул жерде жакын жашайт окшойт, кээ-кээде келип чылым алып калат. Зеригеби, сүйлөшүп да туруп кетет. Бирок жакшы киши, - Кызгалдак кабак бүркөй ойлуу жооп берди. Андан кийин эч кимиси үндөбөй камерага жүгүн коюп, базар аралап кетишти. Салима ага кийимдин жакшысын алып берип, үйүнө келгенде төркү бөлмөгө киргизип, кийимдерин кийгизип көрдү: - Ой иий, тимеле укмуш жарашат экен! Ушундай сулуулугуңду өзүң билбейсиң, карасаң тим эле жапжаш кыз болуп чыга келдиң! Эртең чачыңды жасатсак укмуш ай! - Салима, ыраазымын сага, өмүр бою карыздар болуп өтөм го дейм, канткенде актаар экем бу жакшылыгыңды?! - Унут баарын, сендей жан курбумдун басынып жүрүшүн каалабайм. Сен бактылуу болуп кетсең мен ыраазымын кудайга. - Алтын курбум, ушул бактың кут болуп, уул-кыздын энеси болуп, Марс экөөңөр узак-узак бирге жашагыла. - Айтканың келсин, курбум, - Экөө сүйлөшүп отурганда Марс келип калды. - Ой-оой, бул кайсы сулуу ыя? Адашып кирип келген көгүчкөн эмеспи? - тамашалай күлө сүйлөдү. - Менин досум ушундай сулуу, карасаң Марс, кийимдин жарашканын. - Жакшы жарашат экен. Деги сен атайы заказ берген жок белең? - Койсоңорчу, Салима, ашыкча мактап ийдиңер, эми мен үч балам турганда сулуу болуп кайда бармак элем? - Үч бала өз күнүн көрөт, барып көрүп турасың, - Марс Салимага бурулду, - Баса, жакшы кабарым бар, эртең Кызгалдакты үч айлык курска кабыл алат, үч айдан кийин кандай мекемеге болсо да катчы кылып койобуз, адегенде окуп алсын. - Марс, ага төлөш керек го, мен окубай эле жумуш иштешим керек, - Кызгалдак тарткынчыктай экөөнү карады. - Эч ойлонбо, аяш. Колдон келген жакшылыкты адамдан аяган болбойт. Салима экөөбүз колдон келсе сени бутка тургузуп койсок деп макулдашканбыз. - Ооба, биз ошентип чечкенбиз, сен өзүңчө эле тартына бербесең. Өз үйүңдөй көрүп жаша, оку, анан бир күнү чыкылдаган кызматкер болуп чыга келесиң. - Рахмат, курбум. Аяш экөөңөргө кудай жар болсун, азырынча менин жакшы каалоо-тилегимен башка эч нерсем жок. - Кабатыр болбо, аяш. Айдын он беши караңгы, он беши жарык дешет ко, анын сыңары жаркырап бизге күн тийген мезгил болоор. Кызгалдак үндөбөй калды. Ата-энесинен кийин камкордук көргөн жан болгон эмес буга. Күйөөдөн чыгып агасыныкына барганда жеңеси жактырбай, инисиникине барып аерден да батпай, эки эжесиникине барса алар: "Өлтүрсө да жашай бербейт белең? Үч бала менен оңойбу, ушул кезде сени чекеңен сылап ким батырат? Биз да өз балдарыбызды зорго багып атабыз" деп түсүн үйрүгөнүчү. Ушуларды ойлоп, "жакындан көрө жат жакшы, өзүбектен сарт жакшы" деген макал эске түшүп: "Ырас эле, бирге окуп, сырдаш курбу болгонубуз болбосо, Салима мага ким эле?" деп ойлонду. Анын ушунчалык кең пейилдигине ыраазы болуп, жараткандын ушунусуна топук кыла отуруп калган. Келгенине канча күн болсо окууга барып, андан ары соода жасап товарын сатып бүттү. Бирок Салима ага эч нерсе жасатпайт. Баарын өзү даярдап, эртең менен эрте туруп чайын кайнатып күтүп турат. Он күн болгондо балдарына барып келди. Алардын торсоңдоп, таза кийинип ойноп, алдынан чыкканына кубанганынанбы, же сагынганынанбы, айтор кучактап алып ыйлап жиберди. Көңүлү тынып, кайрадан окуусуна жөнөгөн. Чүй көчөсү менен кетип атып алды жакта келе жаткан Макулбекти тааный койуп кубанып кетти. Жетип-жетелекте эле: - О-оой кандайсыз, байке, денсоолугуңуз жакшыбы? - деп күлө туруп калды. - Жакшы, Кызгалдагым, кандай өзүңдүн денсоолуктарың, балдар чоңоюп жатабы? - Жакшы, байке, баары жакшы. - Абдан өзгөрүп кетипсиң, тим эле үч баланын энеси дегидей эмес. - Көзүңүз тийбесин, - Кызгалдак каткырып күлүп калды, - Тамаша, байке. - Түшүнөм. Өтө шайыр болуп калыпсың… - Окуп атам, байке. Жакында бүтүп алсам жумуш да болот. - Эң сонун болуптур, колуң бош болсо бир жерге отуруп чай ичели. - Жок, мен түштөн кийин бошойм, дагы бир жолукканда. - Анда бошогонуңча ары-бери басып турайын. Ушул жерге кел, суранам, Кызгалдагым! Жок дебей кел! - Мм… Макул, келем бошоорум менен, таарынбай күтө туруңуз. - Жолуң болсун, күтөм. Кызгалдак ушул мүнөттөрдө бул адамды өзү да көргүсү келип эстеп коюп жүргөнүн сезди. Ошол күнү ал Макулбек менен жолугуп көпкө бакта басып жүрүшүп, кечки салкында ачык кафеде отурушту. Бул убакта Марс менен Салима аны күтүп сарсанаа болуп жатышты. Анткени алардын үйүнө атайын конок келип, Кызгалдак менен таанышмак. Кызгалдак болсо азыр ушу мүнөттө өзүн эң бактылуу сезип отурган. Макулбек ушул жолу ага өз оюн айтып, өзүн сүйүп калганы үчүн кечирим сурап жаткан: - Кызгалдагым, өмүрүмдүн көбүн сүйүүдөн жабыр тартып, өкүнүч-таарыныч менен өткөрүп жибердим, эгер сенде мага деген жылуу сезим болбосо мени кечир. Өткөн өмүр өтөөр, өмүрдү кармап калган ким бар дейсиң. Сенден сураарым, сөзүмдү кайтарсаң айла жок, аргасыз арман кылып жашап өтүүгө бел байлоого кайылмын. - Жок-жок акетайым, арманды айта көрбөңүз. Ырас, мен сизден алда канча жашмын, бирок сиздин сөзүңүздү да кайтара албайм. Сүйүүнүн көңүл ишине кандай тиешеси бар? Мен ойлонойун, байкап көрөйүн… - Жүрөктүн иши башка, көңүл менен сүйүүнүн ортосу абдан жакын. Көңүлүңө жагып, андан ары сүйүүгө айланат. Ойлонсоң ойлон, убакыт көп, картайганда кучагыма сага окшогон гүлдү кучактап бактылуу болгон бир мүнөтүм да бир өмүргө тете болчудай. - Мен сизди күнөөлөбөйм, байке. Көңүл оорутпайлы, көп ойлонуп анан чечели. Сизге менин көз карашым түз эле… - Садагасы Кызгалдагым, башка сөздүн кереги жок эми мага. Мен жөнүндө жаман ойлобосоң эле болду. - Андай деп ойлобоңуз, сиз уруксат берсеңиз мен барайын, күтүп калышты го, жаман ойлоп жүрбөсүн. - Барагой, садага. Эми күндө сени күтөм, сени издеп шаардын ичинен баспаган жерим калбады, акыры таптым, эми менден качпачы. - Жашоо өзгөрмөйүнчө адам оңолбойт экен. Курбума абдан ыраазымын, ал болбосо кыйналып-кысталып жүрө бермекмин. Жакшы калыңыз, мен барайын. - Жакшы жетип ал, каралдым. Эртең дал ушул жерден күтөм. - Макул! - Кызгалдак тез-тез басып кетти. Көңүлү куунак, жүрөгү элеп-желеп, жаш жигит менен жолугушкандай өрөпкүп алган. Шаша-буша кирип келген Кызгалдакты көргөн Салима босогодон тосуп алды. - Сага эмне болду? Ачылып алгансың го, сени күтө берип биз уят боло жаздадык. Кир, чечинбей эле конок үйгө кире бер. Баса, эскертишим керек, мыкты бизнесмен, аялы жок, атайын сени тааныштыралы деп алып келдик, жакшылап байкап көр, - деп акырыкы сөздөрүн шыбырап жонго таптап койду. Кызгалдак ойлонуп эмелеги Макулбектин сөзүн эстей, анын элеси көз алдына тартыла түшүп жылмайып алды да, конок үйгө кирди. Төрдө отурган арык чырай кара тору жигит ордунан тура калып: - Саламатсызбы? - деп кол сунганда Кызгалдак баш ийкей колун берди. - Таанышып койгула, бул менин курбум, - Кирип келген Салима аларды көздөй шакылдап калды. - Шамбет. - Кызгалдак. - Мына эмесе таанышып алдыңар, мен тамагымды карайын, силер кобурашып отургула. Марс, сен мага жардам бере кал, - Эбиреген Салима эшикке чыгып кетти. - Сиз менен таанышканыма кубанычтамын, - Шамбет Кызгалдакты карай сүйлөп, ал жөнүндө билүүгө кызыкдар экенин билдирип алды, - менчик фирмам бар, продукцияны чет элден ташып турам. - Жакшы экен. Мен үч айлык курста окуйм, Марс менен Салиманын жардамы менен жашап жүрөм. Күйөөм жок, үч балам бар. - Ой-оой, сиздин үч балалуу экениңизге ким ишенет, тамашакөй окшойсуз. - Калп айтууну башынан жакшы көрбөйм, чындыкты жашырууну үйрөнбөгөм. - Кечиресиз, менин да аялым жок, эки жыл мурун ажырашып кеткенбиз, бир уулум бар. - Жакшы, - деп сүйлөгөнү келатканда Марс кирип рюмкаларга винодон куюп алдыларына койду: - Шаке, таанышуу үчүн мындан алып отургула. Салима да азыр келет, кана эмесе, жакшы тааныштардан болушуңарга тилектешмин! - Рахмат, Кызгалдак деген атына жараша гүлдөй аяшың менен таанышканыма кубанычтамын, - Үчөө бирден алып ийип туруп калды. Марс Шамбет менен көптөн бери тааныш эле, бүгүн аны конокко чакырып козу сойгон. Салима айылдын кызы эмеспи, арыдан-бери өзү ичегисин артып, Марс экөө жаңы гана казанга салып, кайра боор куурдак жасап жаткан. Кызгалдак сыртка чыгып, ага жардам бермек болду эле, ал болбоду: - Сен отура бер, баары бүттү, коноктун жанында бирибиз отурбасак аят ко? - Койчу, Салима, эркектериң баары бирдей да, үч балам бар десем чоочуп кетти тим эле. - Ой кокуй күн оо-ой, ошенте берет, өзүң жагып калсаң албы, ал жөн эле бучкактап жабышат. Үч эмес, беш балаң болсо да кайра тартпайт, сүйүп калса артыңдан калбайт, көрөсүң го? - Ээй, сүйүүнү ушул экөөбүзгө ким коюптур, өзү да копол неме экен, ай. - Бир эле көргөндө сынап койдуңбу? - "Киши жаманын кирип-чыкканча билем, а өз жаманымды өлгөнчө билбейм" деген пенденин биримин да, - Кызгалдак жылмайып койду. - Ушунча акылыңды кайда жашырып жүргөнсүң, досум? Сөзмөр да болуп чыга келипсиң. - "Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөм болот" дегенди билесиңби? - Койдум жаным, жүрү куурдак бышты, тезирээк коноктун алдына алып кирели. - Болуптур, урматтуу коноктун көңүлүн алалы. - Эң туура, бир жагы сенин көңүлүң, бир жагы сенин багыңды тилеп жатабыз Марс экөөбүз. Бири-бириңерге жагып калсаңар кандай жакшы, сенин да үйүң, күйөөң бар болуп, эч нерседен кемибей жашап кетсең жакшы болот эле. - Алтыным ий, менин камымды көрүп, мен үчүн кабатын болуп ачылып-чачылып жатканыңарга кандай гана алкыш айтаарымды билбей турам, - Кызгалдак курбусун кучактап бетинен өөп койду, - менин адам катарына кошулуп бактылуу болуп кеткенимди бир туугандарым эмес, силер гана ойлоп жатасыңар. "Атадан кийин урмат жок, энеден кийин сыймык жок" деген чын экен. Ата-энем болгондо балдарымды ошолор эле бакмак. Экөө ээрчише куурдакты көтөрүп конок бөлмөгө киришти. - Сен төргө отур, эми өзүбүз эле тейлейбиз экөөңөрдү, - Салима жаркылдай күлүп койду, - Марс, тигиниңден конок каадасы кылып куюп жатасыңбы? - Силер жок, Шакем мени укпайт экен да, кыздар болбосо болбойт дейт го? - Марс тамашага чалып күлүп, рюмкаларга винодон куюп сунду, - Кана Шаке, тамактын алдында алып койолу, сөздү сулуу кызга бербейлиби, төгүлүп-чачылып койсун. - Туура, кана Кызгалдак, сен сүйлөп кой! - Салима коштоп койду. - Макул, сөз берсеңер сүйлөйүн. Биринчиден, ушул үйдүн ээлери Марс менен Салимага дүйнөдөгү чени жок бакытты, узун өмүрдү, өмүр бою кармашкан колдору жазылбай, убатып уул, кызартып кыз тарбиялаган бактылуу жубайлардан болушун каалайм. Экинчиден. Бүгүн бизде урматтуу конок отурат, ушу жигитке дагы жакшы тилектешмин, баарыбызда денсоолук болсун! - Ой рахмат! - дешип алып жиберишти. Көпкө отурушту. Марс менен Салима Шамбет сыртка чыкканда Кызгалдакты тамашалап сыртка чыгарышты. Алардын көңүлү үчүн жактырбаса да чыгып анын жанына барды. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп, анан уктоочу бөлмөгө бөлүнүштү. Кызгалдак ал түнү көз ирмебеди: "Кызык, жаш туруп адам менен сүйлөшкөнү копол экен. Байкечи, аттиң, жакшы кишинин бир жери кем болот дегени чын го, ушу жашка чыккыча үйлөнбөй жүргөнүн кара. Алдым деген аялы тигиндей чыкса, кайран киши көңүлгө жакпаган жашка тийип кор болгончо жүрөк сырын түшүнөөр адамга аз да болсо жар болгонум жакшыдыр" деп ойлонуп, Макулбекке тез эле жолугуп, макулдугун билдиргиси келип кетти. Шамбет аны эртең окуудан кийин жолугушууга чакырды. Көңүлү жок, Салиманын көңүлү үчүн гана аны менен сүйлөшүп койду. Негедир Шамбет Кызгалдакка бир көргөндө эле жаккан эмес. Эртеси сабагына барганы менен, жүрөгү уйгу-туйгу болуп, эч нерсе мээсине кирбеди. Бирде көз алдына Шамбет келсе, бирде Макулбек келип, канчалык таразалап көрсө да Шамбетти Макулбек байкесине теңегиси келбей турду: "Кызга бергис жубан бар, атка бергис кунан бар деген сөз эркектерге деле тиешеси бар окшойт, жаш болгону менен байкенин ордунда көрпенденин бири, көөдөнү көр, жандүйнөсү жалаң акча менен байлыкка айланып калган неме тура. Байлыгым бар, өзү келет, ээрчийт деп ойлойт ко?" деп ойлоно берип башы ооруп чыкты. Акыры Шамбетке эмес, Макулбек байкесине жолугууга барууну чечти. Кадимки он сегиз жаштагыдай алып учуп: "Мен сүйдүм, өзүм кааладым, көңүл эмес, жүрөгүм менен сүйдүм, бүгүн айтам, бир көргөндө эле жактыраарымды сезгем деп айтам" деп кетип жатып болжолдуу жерге келип калганын сезбей да калды. Качан гана Макулбек алдынан тосо: - Кызгалдагым, не болду сага, кайда шашып жөнөдүң? Менин тосуп күтүп турганымды унуттуңбу? - дегенде эсине келсе кадимкисиндей жылмайып байкеси турат. Ошондо Кызгалдак сөз сүйлөөгө алы келбей Макулбектин төшүнө боюн таштай энтиге соолуктап ыйлап да, сүйлөп да жатты: - Мен… мен… мени кечирип коюңуз, мен сизди жакшы көрөм! Кечирип коюңузчу.. - деп көпкө чейин ыйлай берди. Бул көз жашы балким ызаланып тагдырына таарынгандыкпы же ушул адамга жолукканга ыраазы экени белгисиз эле. Макулбек муну башкача ойлоп жатты: "Аттиң ай, мен сизге тең эмесмин деп айталбай ыйлап жатат го, ушундай болоорун билгем, ырас эле кызымдай эле жан эмеспи. Мейли, бактылуу болсун. Өмүрүм күүгүмдөп, ысыгы кетип шам түшө баштаганда гүл жыттоого умтулганымды кара" деп зээни кейип, төшүнө башын жөлөгөн келиндин чачынан сылай бак түбүндө үнсүз тура берди. Качан гана бугу чыгып, ыйлаганы басылган Кызгалдак көз жашын аарчып улутуна өйдө болгондо анын көздөрүнө тике карады: - Кызгалдагым, айтчы деги, эмне болду сага? - Байке, мен сизге келдим, мен сизди жакшы… чындап эле сүйөт экемин, өзүмдү сизден алыстата албадым! - Оо жараткан, ушунуң чынбы садага? Мен башкача ойлонуп ийбедимби, - Макулбек көздөрүн бекем жума калчылдаган колдору менен Кызгалдакты кучактап алып, жаратканга миң мертебе ыраазылыгын билдире, көз ирмемдик бакыттан ажырагысы келбей, көзүн ачса эле колуна конуп турган куш пырр этип уча каччудай болуп тура берди. Көптө барып жаштуу көздөрүн жалжылдаткан Кызгалдак күлүмсүрөй башын көтөрдү: - Сиз мени таштабаңызчы, мен сизден бир мүнөт, бир саат, бир күн бөлүнсөм өмүр бою ажырап калчудай болом! "Түбөлүк бирге болом!" деп ант бериңизчи?! - Жаркыным, колума конуп турган ак кушум менин, сенден жарым мүнөт бөлүнбөй калайын, - Макулбек келиндин бети-башынан, мойнунан сугалактана жыттап, өпкүлөп жатты. Экөөнүн бирге кыз-жигиттей кыналышып турганы, улгайган адамдын жаш келинди өпкүлөгөнү бак ичинде эс алып жүргөн жаштар үчүн өөн, бирок сүйүүнүн көзү сокур дегендей, бири-бирин эми гана жаңы тапкан алар үчүн ушак-айың, чоочун көз караш эч нерсеге арзымак эмес. Азыр алар жер титиреп, дүйнө жүзүн топон суу каптаса да баарына кайыл болуп, жер астын-үстүн болгон кезде кучакташып бирге ажалга моюн сунууга даяр эле… - Мен сиздикмин, байке! Мен сиз үчүн, сиз мен үчүн жаралган болсок керек, канча ойлондум-толгондум, өзүмдү өзүм кыйнадым, унутууга аракеттендим, бирок анте албадым… - Садагам, кышка айланган өмүрүмдү жазга айланткан берекем, мен дагы сени эмне деп мизимди кайтарып койот деп канча ойлодум, унчукпай койууга бирок эрким жетпеди, - Экөө колтукташа бак ичиндеги отургучка барып отурушту, - Эмесе мындай, Кызгалдагым: көпкө созуп кереги жок, мен бир жумадан кийин баарын даярдап алып сени үйгө алып кетем, агамды чакырып алар менен кеңешейин, сен дагы агаңа, эжелериңе айтып белен болуп тур. Каада-салт менен алып кетейин. - Сиз эмне десеңиз мен ошого даярмын. Сизге жолугуп калганым үчүн кудайга миң мертебе ыраазымын… - Ак кушум менин, ушул мүнөттөрдү, дал ушул күндү күтүп жүрүп картайдым го - көрсө жараткан шашпа деп мени күттүрүп, сага окшогон ак кушту багып өстүрүп жаткан тура, - Улам келинди колтугуна кысып, чачынан жыттап коюп сүйлөп жаткан Макулбектин жүзү абалкысынан башкача бактылуу болуп, дүйнөдө жалгыз өзү бардай көздөрү ого бетер күлүңдөп сүйкүмдүү. Кечки салкында экөө бак ичиндеги барда отурушту. Күүгүмдө келген Кызгалдактын жүзү албырып киргенин көргөн Салима жаркылдай тосуп алды: - Ой боой, жан курбум, бүгүн түрүң башкача го. Шамбет экөөңдүн мамилеңер келишип калган го! Дүйнөдө жок бактылуу болуп турганыңда шек жок, кана айтчы, кандай сыйлады? - Жо-жоок, жан курбум, мен Шамбеттен эмес, башкадан издеп жүрөм, дүйнөдө жок, кайталанбас сүйүү келди мага, курбум! - Эмне дедиң? - Салима курбусун таң калгандай үрпөйө карады. - Ошол, курбум. Мени күнөөлөй көрбө, дал ушул сенин төрүңдөн алып кетет, сен мага атам-энем, бир тууганым, жан бирге курбумсуң. Сага эбак айтышым керек эле, бирок… - Ойлуу, Салиманын жаман көрүп караган жүзүнө тигиле шыбырады, - Мен бул нерсе өтүп кетээр деп ойлогом, жок андай болгон жок. Мен аны сүйөөрүмдү Шамбет менен жолукканда гана сездим. Билсең, Шамбет менин кадырыма жете албайт, көп эркектин бири экенин дароо түшүндүм. - Аны менен качантан бери таанышсың? - Кө-өп болду. Ал мага соода кылганы гана келчү, дайым келип сүйлөшүп отуруп анан кетчү. Жан курбум, эгер мага бакыт каалаганың чын болсо дал сенин тилегиң орундалды, ал адамдын жанында мен өзүмдү кандай гана бактылуу сезеримди билчи?! - Ой деги аныңдын иштеген иши, жашаган жайы, сени бага турган кудурети барбы? - Иштеген иши жок, бирок мени багып алаарына көзүм жетет! - Жаңылып алып, дагы үч балаң менен көчөдө калып жүрбө. Эч жерде иштебесе анан сени кантип багат? - Мейли, кандай болсо да мен аны сүйөм, курбум. Ал жаш жигит эмес, пенсиядагы адам! - Эмне-е?! Баса, баягы киши эмеспи? - Ошол. Мен аны сүйөм, менин дагы сүйүүгө акым бар, тирүү жанмын го, Салима. Эч нерсени ойлобогон ойноок кезимде алып кеткен күйөөм өзүн сүйдүрө албады, же мени сүйүп жар кыла албады… Ошол кезде ички бөлмөдөн чыга келген Марс алардын акыркы сөздөрүн уккан менен укмаксанга сала Салимага карады: - Жумуштан келгени чай иче элекмин, үйгө кирбейсиңерби. Жаңы эле Шамбет чалды, келем дегендей кылды го? - Ай-ий, жүр үйгө, Кызгалдак, - Салима бир нерсе демек болуп күйөөсүнүн көзүнчө оозун таптап барып токтоду да, Кызгалдакты колтуктай эч нерсе болбогондой үйгө кирип баратып Марска көзүн кысып койду, - Биздин кыз жигитке жагып калган го ыя, болбосо кайрылып келмек эмес. - Кызгалдак жигитке жакпай калчу кыздардан эме-ес, кыз жагып калса жигит таманы тешилгиче жүгүрөөрү бышык эмеспи ээ, Салима? - Сен менин артымдан жүгүрүп көрдүң беле? - Эркелей сүйлөдү Салима, - Ой ушу сен мага бир келип башка кыздарга бир барып жүрүп пешенеңе мен буйруган чыгаармын? - Сенин артыңдан жүгүргөндөн мурун, кайсы бирөө жула качып кетеби деп уйкусуз таң атырчумун. - Койдум-койдум деги, эми уйкуң тынчпы, берекем? - Эң сонун, тим эле ырахаттанып уктап калбадымбы! Колтугумда сен барсың да! Ушул учурда телефон чыр этип калып, Марс кирип кетти. - Эч нерсе билгизбе. Шамбет келсе жакшынакай сүйлөш. Акылыңдан адашып, тагдырыңды бузуп алба. Эгер Шамбетке чыксаң, ал сени иштетпей ак кол кылып, ханышадай гана турмушка туш болосуң. Эсиңде болсун, Кызгалдак, биз сени жаман болсун дебейбиз! - Салима ушуну айтты да, ашканасына кирип кетти. Кызгалдактын кулагы чуулдап, көзү караңгылап, эмне дээрин билбей босогодо туруп калды. Канча турганы белгисиз, дарбаза кагылып, эшик ачылганда Шамбеттин кирип келатканын көрүп үйгө кирип кетти. Аңгыча Марс чыгып Шамбетти тосуп кирди. Өз бөлмөсүндө кийимин чечинип халат кийип алып көпкө отурду Кызгалдак: "Булардын максаты эмне, кетирген чыгымын ушул аркылуу чыгарып алгысы келип жатабы? Иштесем өзүм деле берет элем го?" деп ойлонуп, көз жашын сыгып алды. Салима баш багып, анын делдейе ойлуу отурганын көрүп, акырын жанына келди: - Кызгалдак, мага таарынып калдыңбы? Чынын айтсам, бир азаптан кутулуп, дагы бир шорго кабылбасын деген эле оюм, болбосо мага тууган эмессиң, бир тууганым да эмессиң. Болгону жан курбуңмун, сени кол жеткис бакытка жетсе деген эле оюм… - Жок, Салима, эмнеге таарынмак элем, жөн гана ойлонуп жатам… - Ойлоно бербе, көп ойлонуп кейигенден эч пайда жок. Азыр сага сүйүүнүн кереги эмне, жакшы жашоо керек. Балдарыңдын эртеңин ойлошуң керек, аларды келечекте жакшы, билимдүү адам кылып, чоңойтуш үчүн дал ушундай колунда бар адам керек сага! - Мейли, курбум. Сен да көп сүйлөп мен үчүн жаныңды кыйнаба, мен ойлонуп көрөйүн. Ушул адамың сүйүүсүз болсо да мага бакыт тартуулай алса мен макулмун! - Бая эле ошентпейт белең, - Салима Кызгалдакты кучактап өпкүлөп ийди, - азыркы заманда эң башкысы сүйүү эмес, байлык, билсең. Кызгалдак Салима менен ээрчишип ашканага кирип тамак жасашты да, Шамбеттер отурган конок бөлмөгө дасторкон жайып чогуу отурушту. Марс менен Шамбет кызуу сүйлөшүп отурган экен, алар киргенде Марска карап Шамбет: - Марс, бүгүн мен Кызгалдакты ресторанда күтсөм барбады, эми менин машинамда кыздарга деген белек бар эле, алып келе калайын. - Ой досум, кыздарды мамасы жибербей койгон го, ага эч капа болбо, менин аяшым кыргыздын чанда жаралчу сулууларынан, так что аяр мамиле кылбасак болбойт! - деп карсылдай күлүп калды Марс. - Кыздардын көңүлүн табыш кыйынга турмак болду, жаш кездегидей жүгүрүү керек го дейм? - Кыз кыялын жигит болсоң билээрсиң, келе кал дегенде бара калчу токтоло элек кезден өткөнбүз да! - Кызгалдак сөзгө аралаша сумсая сүйлөгөндө Шамбет аны карай жылмая сүйлөдү: - "Аялдын амалы кырк эшекке жүк" деген сөз туптуура, амалыңарды колдонуп көп нерседен куру калган аялдар жокпу? - Амалдуу аялдан күркүрөгөн жолборс качкан экен. Амал көтөрө албай бир эле нерседен өзүңүз куру жалак калбаңыз! - Кызгалдак кыя карап дале суз айтканда: - Байлык бар жерде баары бар: бакыт да, дүнүйө, акча… Кудай берем деген пендесине ченебей берет, акылың менен сулуулугуң байлыкка көз каранды экенин билсеңиз керек? - Байлык бар жерде бакыт бар дегенге мен түздөн түз каршымын. Сүйүү болбосо өлүү буюмдун кимге кереги бар? Барга, жокко кайыл болуп жашаган жашоо кызык эмеспи, - Кызгалдак ар бир сөздү басым менен айтып, токтоо, сумсайыңкы сүйлөдү, - Байлык бакыт эмес, болгону өзүңө жоо! - Кечиресиз, байлыгым бар деп деле мактанып өпкө каккан жокмун, болгону барын айттым, - Шамбет кызаңдай күлүп калды, - барды жашырган күнөө го дейм? Салиманын кабагы бир аз бүркөө экенин Кызгалдак дароо байкады: "Ачык эле айтам, "канча болсо чыгымыңарды төлөп берейин, Шамбеттин кереги жок" деп. Мени түшүнөөр" деген ойдо отурду ичинде. Салима өзүнчө ойдо: "Кайдагы бир алжыган чалды таап алып, сүйөм, күйөм дегенин кара. Ушу кезде ата-энеси да батырмак эмес, каалагандай жашап, ичип-жегенине көбө түшкөн экен. Дегеле адамга жакшылык кылып кереги жок", деп жини келип отурган. Дасторкон жыйылгандан кийин Шамбет кетмек болду эле, Салима шыпылдай кетти: - Кызгалдак, сен узатып кой эми, мен биякты жыйнай берейин. - Макул, узатса узатайын, - Кызгалдак аны ээрчий сыртка чыкты. Марс дарбазасына чейин келип коштошуп кала берди. Шамбеттин машинасы дарбазанын сыртында болчу. Бир аз сүйлөшүп турган соң Кызгалдак: - Жакшы барыңыз эми, бүгүнкү жолугушууга баралбай калганым үчүн кечирим сурайм, - караңгыда көрүнбөсө да жылмая. - Койо туруңуз, бир аз тура туруңузчу. Эгер кааласаңыз түнкү шаардын кооздугун көрүп басып келели же салкын таза абада пиво ичип, кафелерде отуруп келсек болоор. - Жок, чарчап турам, дагы бир жолукканда… - Антпеңиз, айым. Сизди бир көргөндө жактырып калып, тынчым кетип калды, жок дегенде сөзүмдү кайтарбаңыз. - Эркектин баары ушундай: "жактырып калдым, жакшы көрөм" дешет. Жакшы көрүү менен сүйүүнүн айрымасы ат менен төөдөй. "Жүрөк бирди, көңүл миңди сүйөт" дегендей, түсү ийги, тышы жалтырактарды сүйүп алып азабыңызды аштай тартып жүрбөңүз. Мени сыртымдан көргөнүңүз менен ички сырымды билбейсиз. Жашап кете аласызбы же жокпу, ишиңиз болгон жок го дейм? - Сизге окшогон сулуунун өңүнө жараша акылы бар деп ойлойм. Чынын айтсам, мынчалык бой көтөргөн текебер окшойсуз, мага анча-мынча кыздар жок дечү эмес эле… - Ошол кыздарды жакшылап кармасаңыз болмок экен. Мага андай акыл-эсти кудай бербептир, чынында өтө тайкы акыл экенимди өзүм да билем.. - Ой сиз тайкы акыл болбой калыңыз, ургаачынын акылкарачачындай эле бар экенсиз. Менин айтканымды көңүлүңүзгө албаңыз, Кызгалдак айым, мен ишенем сизге - өзүмдүн осолдугумдан жакпай калдым окшойт, бирок акырындап бири-бирибизге көнүп кетээрибизге көзүм жетип турат. - Аны убакыт көрсөтөөр. Жакшы барыңыз, сиз деле чарчадыңыз го?.. - Кеткенден башка айла жок, сейилдөөгө көңүлүңүз чаппаса эс алыңыз, мен барайын. - Жакшы барыңыз, - Кызгалдак эшикти жаап сырткы эшиктен келе жатып Марс менен Салиманын сүйлөшкөн сөзүн тыңшап туруп калды: "Салима, бу досуң эмне дейт ыя? Эгер ал Шамбеттен баш тартса иштин баары ойрон болот ко: жакында айыл чарба министринин орду бошогону турат, ошого агасына айтып кандидатурамды койгону турдум эле, жок дегенде орун алып андан чоңуна берчүнү берип бекип алганча сүйлөшүп турса, тийем деп алдай турса болмок". "Анын эмнесинен коркосуң, эртең аны менен ачык сүйлөшөм да, такыр эле болбой турган болсо таз кейпиңди кийип базарда отура бер дейм. Анан эмне кылаар экен. Айласыз макул болот да". "Антпесең иштин баары бүлгүн болот. Шамбетке ал жагып калыптыр: "Макс, ушул келин менен үйлөнтүп койсоң эмне десең баары аткарылат" деп айтып отурду жана келгенде". Артына кайрыла берген Кызгалдак эми кирип келе жаткандай дабыш менен үйгө кирип келатканда тигилер үндөбөй калышты: - Жата элексиңерби али? Уктап калды го деп ойлодум эле, - деп эч нерсе укпагандай өз бөлмөсүнө өтүп кетээрде Салима: - Кайдан. Силердин ынтымактуу болуп бири-бириңерди сүйүп калышыңарды тилеп отурабыз. - Кызгалдак, Шамбет абдан жакшы жигит. Бир аз байкабай сүйлөп алганы болбосо, марттыгы да бар. Эгер сага үйлөнсө иштетпей багат ко, ал турсун үйүндө бир үйбүлөлүү кызматчылары бар. - "Ашыкпаган араба менен койонго жетиптир" деген сөз бар, аяш. Тагдыр дегениң табышмак эмеспи, ойлонуп көрөйүн, али убакыт бар го дейм. Мейли, жакшы жаткыла! - деп жатчу бөлмөсүнө өтүп кетти. Ал азыр, эмеле Салиманын оозунан чыккан сөзгө жүрөгү ооруп: "Эмне эле мага жан тартып калды десе… көрсө өздөрүнүн пландары бар тура. Балким, менин жашап кетишимди деле ойлобогон чыгаар. Өздөрүнүн иши жүрүп министрликке жетип алса мени киши деп эсептебейт.. Оо пенде, неге мындай өзүмчүлсүң? Же булардын себепчиси мен болушум керек беле? Жүрөгүмдү укпай убактылуу жашоомду ойлоп, тепкичке көтөрүлүп алышы үчүн кам көрүшүм керекпи?" деп сарсанаага батып, убайым менен түнү бою кирпик какпай чыкты: "Байкемчи - аны кубантып, бактылуу кылып коюп, бир мүнөттөн кийин кайра убайымга салганым кантип болсун? Аз болсо да жүрөгүмдүн каалоосун аткарып сүйүүмдүн сыйкырдуу кемесинде кереметтүү мүнөттөрдү өткөрүүнү мага же буйрубаганбы?" Көздөрү киртийип эртемененки чайга отурганда аны Макс тамашалап калды: - Ээ аяш, бу сен түнү менен уктаган эмессиң го. Шамбет биздин колдо, көөнүңө жагып, жүрөгүң аны каалап калса бат эле үйлөнүү тойду ресторанда өткөрүп, бакыт үйүнө алып барабыз, эч коркпо! - Койсоңчу, аяш. Жөн эле өзүм ооруп турам. - Кызгалдак, тиги картаң немеңдин картайганы жугуп жаткан жокпу? Деги аны менен соосуңбу?! Кызгалдак Салиманын бул сөзүнө терикпеди: "Демек Марска да айткан экен, эмнесин жашырат элем" деп ойлоду да: - Кадырың жан болсун, досум, ал киши менен сүйүү романын жаңы баштадым. Эгер ооз учунан, сүйлөшүүдөн жугуп калса, билбейм, - деп туруп баратканда Салима аны карыдан кармай токтотту: - Марс, сен жумушуңдан кечикпей жөнөй бер, курбум экөөбүз ээн-эркин бир сырдашып алалычы, - деди. Марс үндөбөй туруп чыгып кетти. Кызгалдак: "Бул мени зордоп макул болууга үндөйбү? А менин көңүлүм, жүрөгүм бул үчүн оюнчукча да сезилбесе керек", деген ойдо отуруп калды. - Айтчу сөзүңдү айтчы, Салима. Мен бүгүн эртерээк барышым керек болчу, - деди анан курбусуна жүзүн бура. - Кечигип барасың да. Ал окууну бүтөсүң, эч жакка качпайт. Андан көрө ачыгын айтчы, картаң эшектин койнунда жаткан жакшыбы же өзүң теңдүү жаш жигиттин ыракатына бөлөнүп бакытка балкыган жакшыбы? - Кекээрлүү сүйлөдү Салима. Мурда-кийин мындайын укпаган Кызгалдак Салиманы таңгала карап, жылмаюуга аракеттенди, бирок ызалуу: - Салима, сен эмне деп жатасың - тамашаңбы же чыныңбы? Салима заматта өзгөрүлүп, каткырып жиберди: - Аи, хи-хи-хи! Тим эле таң калдыңбы ыя? Эмне, сахнадагы артисттер эле роль ойной алат бекен? Мен актриса болсом болчудайбы же жарабайымбы? - Кызгалдак далыга таптай күлгөн курбусуна аргасыз күлүп, анан: - Өх, тим эле шумдук ай. Бала кезден бери билем, мындай өнөрүңдү билбейт экенмин, актрисаларың биякта калды го? - деди. - Кызгалдак, жан курбум, жашоонун өзү драма, ал эми адамдар артис, пьесанын өзү турмуштан алынат да. - Аның туура, досум… - Кызгалдак курбусуна ичинен ирээнжип ойлуу, сүйлөгүсү да келбей отура берди: "Мейли, оюндагысын айтсын. Менде бир топ эмгеги бар, жакшы сөз айтып кыйын жашоодон арачалап калды. Айтууга акысы бар, болбосо өз бир туугандарымдан жакшы ооз кеп чыккан эмес эле го" деп ойлоп, анан жайдарылана, - Туура айтасың, бирок жаралган эле адамзатынын баары артис эмес да, аны да таланты барлар ойной алат, - деди. - Ар бир адам жашоонун бурулушуна даяр болушу керек. Бир күнү андай, бир күнү мындай.. Баса, сөздүн ырасына келсек, сенин кечээги айткандарыңа ишенсе болобу, же? - Салима, сага кандай десем экен.. "Кан койнунда калтыраганча, кул койнунда кутур" деген сөздү кандай түшүнөсүң? - Ал деген илгерки билими жок, түркөйлөрдүн чыгарган сөзү. Азыр кул койнунда калтырап ачка-ток жашаганды ким эле жактыра койсун? Өзүңдү эле алып көрчү: жапжашыңда кулдун койнуна түштүң, эмне таптың? Жөжөлөрдү ээрчитип алып батир дегендин эшигин чертип, үч жылы азап чектиң, жашоодон тажап да калгансың акыркы кездери - же жалганбы? Бармактайыбыздан курбу болуп сырдашып калдык эле деп мен сени өзүм ошол балээден куткарып алдым. Эми да жаман оюм жок, качандыр бир кезде балдарыңды өз колуңа алып, тийген күйөөңө төрөп берсең жөн эле көзүңдүн агы менен айланбайбы?! - Мен сени туура түшүнүп атам, бирок менин жүрөгүм ошого баш ийбей жатпайбы?! - Ал өзүңдөн, акылыңды калча. Дагы айтам: ойлон. Биз Марс экөөбүз сага жамандык каалабайбыз! - Түшүндүм… - Кызгалдак ашыкча сөз сүйлөбөй илинүү турган кийимин кийип, сумкасын асынды да, чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен Салима телефондун кулагын бурап кирди: - Ал-ло, бу сенсиңби, Марс? - Ооба, угуп жатам, карлыгачым. Эмне сөзүң бар, тезирээк айта кой, жумушум көп. - Сөз мындай, сен кандай болсо да Кызгалдактын сабагынан чыгаар кезинде ал жерге келип, ал кайда барып, ким менен жолугаарын бил, бүгүнкүгө ошол гана жетет! - Салима дароо тутканы коюп койду да, жылмайып алды, - Картаң эшеги ким экенин адегенде көрөлү, анан аны буга жологус кылып койом! Кызгалдак эч нерседен капарсыз санаасы жалаң Макулбекте болуп, курстан чыгып шашылыш жолукчу жерге жөнөдү. Ал жыландай жылган машинанын жандай өтүп баратканын сезбеди. Жол карап тосуп турган Макулбек Кызгалдакты көрүп эле утурлай басты: - Убагында келдиң. Азыр экөөбүз адегенде тамактаналы, андан кийин сүйлөшө турган сөздү башынан баштайлы. - Сиз эмне десеңиз баарына макулмун, сиздин эркиңиз, - Кызгалдак зыңкыя кийинген адамдын жанына барып өбүшө учурашканын Макс көрүп көпкө байкап турду. Ал чоочун, бейтааныш адамдын өңү-түсүн көрүүгө ашыгып атты. Бир кезде ээрчишкен экөөнүн бак ичиндеги кафеге жөнөгөнүн көрүп, машинасын дароо стоянкага койо коюп, анан тигилерди акмалап, көрүнбөөгө тырышып эки жагын элеңдей кафенин бурчуна туруп калды. Макулбек официанткага заказ берип жатканда анын бетин көрүүгө жетишип калды. Көрүп эле делдейе түштү: "Улгайган адам болгону менен, салабаттуу экен. Эчен жылдар бою кызматта болсо керек. Жаман эмес, Кызгалдак тандай билет тура, демек өз кызыкчылыгымды башка жактан издеп буларды тим койгонум дурустур" деген ойго жетелене түшкөндө кулагына Кызгалдактын "шыңк" этип күлгөн үнү угулуп, карай калса бет маңдай отурушкан экөөнүн колдору кармашып, баштарын тийгизе сүйлөшүп отурган экен. Кафеде эл жок, бир жак четинде эки жигит пиво ичип алар менен жумушу жоктой отурушат. Арсар ойго түшкөн Марс үйүнө келгенде Салима аны утурлай чыгып сурады: - Эмне болду, Марс, көрө алдыңбы? - Ооба жаным, алар бири-бирине төп келишкен жубай болчудай экен, тим эле койсок кантет? - Чарчагандай шуу эте үшкүрүп алды, - бирөөлөрдү жарым ырыскысынан ажыратканда не? - Эмнеге… а сенин ишиң эмне болот? Шамбет азыр эле чалды: "Кызгалдакты эптеп көндүргүлө, ал үчүн баарын чачууга даярмын, ал турмак сени мектепке директорлукка жеткирем" дейт мени. - Анын колунан баары келет дечи, бирок тигил адамды аяп жатпайымбы. Кызгалдактын жанында өзүн ушунчалык бактылуу сезип, а турмак жаштардай экөөнүн кол кармашып алып сүйлөшүп жаткандары тим эле пейзаж! Эгерде сүрөтчү болгонумда алардын сүйүүсүн сүрөткө чагылдырып бермекмин. - Ой-иий, тим эле өзүң да алардын сүйүүсүнө аралашып калгандай сүйлөйсүң да, мырзам! Андай эле тарткың келсе үйдөгү фотоаппаратты алып ал да, эртең тартып келчи, мен дагы жакшылап түшүнөйүн, көрөйүн. - Эртең сөзсүз сүрөткө тартып келем! - Ошент, бүгүн Шамбет чалса эмне деп жооп бересиң? Сен келген учурда дагы чалам деген. - Аны көрө жатаарбыз, адегенде шам-шум эткидей бир нерсең барбы? - Ойлуу - Бирок кол менен келиштирип сүрөтчү тартса кандай сонун болмок.. - Тамак даяр, душка түшүп алып анан тамактан, мен даярдай берейин. - Жарайт, жароокерим десе, мени сага кошуп койгон кудайга миң мертебе ыраазымын, - Салиманын бетинен өөп коюп ваннага кирип кетти. Стол үстүнө тамак-ашын коюп жаткан Салима: "Кызык, Марс эмнеге аларга боор ооруп жатат? Кызгалдакты балдары менен самсаалатып батирине коюп койгондо болмок экен.. Кайдагы адамды таап алды деги? Ошончолук эле сүйүүлөрү күчтүүбү? Марс алар эмес, алардын сүйүүсүн сыйлап жаткан го, анткени өзү мени сүйөт эмеспи. Баса, мен Марсты кандай сүйөм - чын эле мен сүйүүнү түшүнбөйт окшойм. Марстын алды-артыман түшүп "сүйөм" дегенинен эле "убактым жетип калды, тийсе тийип алайын" деп макул болуп койбодум беле. Сүйүү ошончолук эле керемет болобу?" деп ойлонуп жатканда Марс ваннадан чыгып келип стулга отураары менен алдына тамагын койгон Салима аны карап суроо узатты: - Марс, сен аларды эмнеге аяп жатасың, чын эле сүйүүсү чыныгы сүйүү экенине көзүң жеттиби? - Салима, чыныгы сүйүү деп мына биздин сүйүүнү айтат. Мисалы, сен экөөбүзгө бирөөлөр тоскоолдук кылган жок, ошондуктан билинбей калды. Алардын жаш айырмачылыктарына карабай бири-бирине жарашып турганын, анан да экөөнүн бактылуу жүздөрүн көрсөң өзүң эле үндөбөй басып кетмексиң. Кадимки Тариэл менен Тинатиндей, Олжобай менен Кишимжандай эле сезилди мага. Анан дагы мындай сүйүү кылымда бир болуп өтчү окуя! - Мисалы кандай? - Салима чын эле түшүнө бербей сурап турду. - Мисалыбы, мисалы адатта жаштардын сүйүшкөндөрү көп эле болот, жаш кыз менен улгайган адамдын сүйүүсү чанда болчу нерсе, нукура сүйүү. - Кызгалдак кыз беле? - Ой элестет: жыйырма беш жаш жаңыдан жетилип, болуп-толуп турган курак да. Алтымыштардагы адамдын кызы катары эле да, же жалганбы? - Аның туура… - Салима ойлуу отуруп калды: "Кечинде келгенде курбу катары жакшылап сүйлөшүп сүйүү жөнүндө эмне айтат экен, сурап көрөйүнчү" деген ойго келди. - Салима, сен мени сүйдүң беле же сүйбөй эле тийдиң беле? - Марс капысынан суроо бергенде Салима какай түштү: - Эмне дейсиң, Марс? - Күйөөсүнүн көздөрүнө тигиле калып ички оюн билип койгондой сураганына таңгалып, анан өзүн колго ала койду, - Эмне, менин сүйөөрүмө ишенбейсиңби али? - А жо-ок, ишенем дечи. Мен сени сүйүп калганымда сени ушунчалык көргүм келгенинен кээде жумушумду таштай салып жөнөп калчумун. - Мен дагы сени келип калабы деп улам жол карай берип жасап жаткан жумушумду унутуп калчумун. - Жаным ий! Ошон үчүн сүйүп, сүйүүнү башынан өткөргөн адам эки жашка жардам бериш керек, - Ойлуу ичкен тамактын идишин жылдырып, чыныдагы чайды алып ууртады да, - Ал эми кызматты кийинкиге калтырабыз. Убакыт жетсе өзүм деле көтөрүлөм, буйруганын көрөөрбүз. - Шамбетти эмне кылабыз? "Макул эмес, көндүрө албай койдук" дейбизби? - Анын да жолу табылаар… - Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отуруп, анан ички үйүнө кирип телевизор көрүп отурушканда Кызгалдак келип калды. Үндөбөй чечинип, ваннага түшүп чыгып анан алардын үстүнө баш бакты: - Кандайсыңар, эс алып атасыңарбы? - Жакшы келдиңби деги, өзүң кандайсың? Бу сен аз күндөн бери башкача болуп баратасың, жүрүш-турушуң сырдуу, - Салима сыр билгизбей кабак-кашын жаркылдата тосуп алды. Чынында Кызгалдактын өңүнөн бактылуулукту байкап, өзүнчө: "Тобо-оо, эки ай мурун, эки-үч күн мурун эле мындай эмес эле, чын эле сүйүүнүн ушундай касиети барбы?" деп ойлоп ийди. - Салима, кандайын сурайсың? "Жаман менен жашаганча түбөлүк, жакшы менен бирге болгон артык күнчөлүк" дегендей, өзүм да билбейм, жүрөгүм эле алып учат, тагдырым мага кандай белегин даярдап турганына али түшүнө элекмин, - Кызгалдак да жайдарылана жооп берип, жатчу бөлмөсүнө өттү. Салима жылмая Марска карап, төшөк салып коюп, Кызгалдак жаткан бөлмөгө кирди. - Кызгалдак, сен менин эртең менен айтканыма таарынган жоксуңбу? Мен сенден бирдеме сурайын: сен сүйүп калган адамыңдын бала-чакасы бар бекен? - Курбум, ал адамдын баласы жок экен. Тагдырына таарынып үйлөнбөй жүрүп, беш жыл мурун эки балалуу аял алса анысы ойдогудай болбой калыптыр. - А сенин балдарың бар экенин билеби? - Билет, ал интернаттан балдарды алып алабыз деп жатат. - Жакшы адам экен анда, башкысы баласы жок болсо ойдогудай болот го? - Билесиңби, Салима, мен үч баламды багам деп үч жылдан бери эркек менен сүйлөшмөк тургай, күнүмдүк оокат деп жүрүп өзүмдү да карабай калыптырмын. Анткени эркек аттууну көргөндө жиним келчү. Анан ал киши сүйлөшүп отурганда кандайдыр бир керемет сыйкыры бардай, өзүнө тартып турат. Адегенде мен аны сүйүп калам деп ойлогон эмесмин… - Эмне, ал сени "сүйүп калдым" деп өзү айттыбы? - Ооба, өзү айтты. Бирок мен көңүлүмө да алып койбоптурмун. Анын жаш жигиттей өзүн алып жүргөнү, эркелете сылай билгени акырындык менен өзүнө билгизбей тартып алганын байкабай да калдым. - Ал сүйөм десе эле, сен дароо макул болдуңбу? - Жо-ок, жооп бербедим. Ал мени кыйнаган да жок, болгону "өзүң бил, жаштыгың бар, акылың бар, аялзатына тиешелүү сапатты сенден эбак эле көргөмүн, көңүлүңө төп келбесе качып кетпей ачык эле айт" деди. Ойлондум, Шамбетти көрдүм, экөөнү салыштырып көрүп, эркектин сырттаны экенине көзүм жетти. Мындай адамга он беш жашымда кезиксем да макулдугумду бермекмин, курбум, - Ушуну айткан Кызгалдактын жүзү албырып, көздөрү жайнап турду. Анын сүйлөп жатканын карап турган Салима ичинен суктанып алды: "Кызык, сүйүү деген керемет нерсе экенин неге сезбедим? Көп эле жигит менен сүйлөштүм, бир гана Марс мени сүйөөрүн, үйлөнөөрүн айтты, үйлөнүп жашап жатабыз. Балким ушунун өзү деле сүйүү болсо керек" деп ойлонду да: - Мейли курбужан, бактылуу бол, бирок тиги чириген бай, бизнесмен жигитти кантебиз? - деди. - Салима, мен азыр жигит тандап же чана турган курактан өткөм, өзүң билесиң, кадамым сайын балдарымдын элеси, келечегине кам көрүү. Ал эми тигил бизнесмениң мени сүйсө да балдарымды сүйөөрүнө көзүм жетпейт! - Туура айтасың, балким жакшы ата боло алабы же жокпу, ишениш кыйын. Деги өзүң ойлонуп, эмки тагдырыңды өзүң чечесиң да. - Ыраазымын курбум. Ансыз да силерге карыздармын, жакшы сөздүн да кайтарымы болот. Бир кезде жакшылыгыңарга жакшылык менен жооп берчү кез келээр… - Эч кабатыр болбо, асты өзүң бактылуу болуп кетсең болду. Анда жакшы жат. Ошол тушта Марстын телефон менен сүйлөшкөнү угулуп калды. Салима чыгып кеткенде Кызгалдак кулак түрө калды. - Шаке, эми өзүң билесиң да, ал жаш кыз эмес, же биздин кыз эмес. Ал өз башына өзү ээлик кылчу эркин адам да, негизгиси сен өзүң гана аны имерип алганга жарайсың, болбосо биздин колдон келчү иш эмес. Жигиттин гүлүсүң да, ха-ха-ха! Ооба-ооба, , баары өз колуңда! Кызгалдактын ою онго, санаасы санга бөлүнүп туруп алды: "Неге "өз колуңда" дейт? Мени эмне, кол жоолукча булгагысы келип жатабы? Үч айлык курсум бүтүп деги калды, Макулбектин болжогон күнү да келатат. Эмне кылсам? Шамбетинин эч бир турушу, мамилеси жакпады. Байлыгы бар адам текебер болот, бир күнү "менин байлыгым үчүн эле тийгенсиң" деген сөзү чыгат. "Карайлап бирөөнүн үйүндө жүргөндө аргасыз келгенсиң" дейт, андан көрө көңүлүмө төп келип жүрөгүм каалаган адамга баш кошсом өкүнүч, арман өзүмдө болоор. Азбы-көппү, ошол адам гана бакыт тартуулай алат" деп ойлоп отурду. Эртеси дагы Марс ал жерге барып карап турду. Бул күнү алар парк ичиндеги отургучтан жолугушту. Бет маңдай бара албай, экөө учурашкан кезде бир тартып алды. Экөөнүн жолугушкандагысы бир башкача эле. Кызгалдак жеткенде Макулбек кучак жая тосуп алып, жүзүнөн, чекесинен, чачынан жыттады. Кызгалдак болсо анын төшүнө башын жөлөп алып, колун мойнуна артып көпкө турушту. Анан отургандан кийин Макулбек анын колдорун сылай ийнине жөлөнүп отурган келинди бир колу менен кучактап отура беришти. Көптөн кийин көнгөн кафеге карай басышканда Марс бет маңдайындагы карагайдын далдоосунан бир жолу тартып алды да, үйүн көздөй жөнөдү: "Сүйүшүп жүрүп бири-бирине жетпей калуу арман, сүйүшүп жүрүп үйлөнүп жашоонун татаал жолдорунан адашып ажырашышып кетсе да арман, өзүң сүйгөн адам сени сүйбөй өмүр бою анын элеси менен жашап өтүү андан өткөн арман! Деги эле сүйүүсүз жашап тынч оокатын өткөргөн адамдан өтөөрү жок окшойт.. Бирок тирүүлүктүн эң бир сонун кереметтүү сыры ушунда эмеспи, адам пенде сүй, сүйдүрүп өт! Бир келген жашоодо! Макулук эмессиң да эч нерсе менен ишиң жок жашап өткүдөй.. " Кетип жатып Марс ушуларды ойлонуп баратты.. . - Жаркыным, сен баарына айтып койдуңбу? Ошол күнү каерге десең ошол жерге барып мал союп, тегерегине той берип, анан экөөбүз ЗАГСка барабыз. Баарын дайындап бүттүм, - Макулбек Кызгалдакты кучактаган тейде сурады. - Жок, мен эч кимисине айтпадым. Кийин бир тууганча катышса катыша берем да. - Аларга таарынычың күч болсо керек ээ, алтыным? Кекти каапырга берген кудай, бизге кек сактаган болбойт, кечиримдүү болгон жакшы. - Кектебейм, таарынычым бар… - Таарынуу жарабаган иш, кандай болсо да кечиримдүүлүк адамдын эң жакшы сапаты. Өзүң бил, сен каалагандай болсун! - Ыраазымын сизге, - Кызгалдак башынан эле көп сүйлөбөгөн жан, кыска гана жооп берип ушул бойдон гана мемиреп уйку-соонун ортосунда көргөн жакшы түштөй сүйүүнүн ырахатына магдырап отура берди. Ошенткен менен Макулбек алдыдагы күндү белгилеп, чакырчу конокторду бирме-бир айтып отурду… Марс үйүнө жетип эле тарткандарын Салимага көрсөттү эле, ал: - Эми сен эртең жашаган үйүн көрүп кел, - деди. - Аны эмне кыласың? - Эч нерсе, үй-жайы барбы, же анысы да батирде турабы, билип койолу. - А-аа, кечирип кой, асылкечим. Ырас айтасың, бирок ал адам жолдо жүргөн киши эмес, үй-жайы, болгондо да байлыгы мол болуш керек. - Ошентсе да дарегин билип койсоң, сураштырып көрөйүн. - Ма-аакул, жаным. Сенин бир сөзүңдү аткарбай коюу оюмда жок, сен үчүн мен баарына даярмын! - Марс келинчегин имере кучактап өөп койду. - Андай болсо эртең экөө коштошуп, ал киши үйүнө баргыча бирге бол! - Түшүндүм. Ошону менен экөө тең үндөбөй калды. Алар жаңы тамактанууга барганда Кызгалдак келип, үчөө чогуу тамактанды. Ортодо ашыкча сөз болбоду. Тамактанып бүткөн кезде Марс Кызгалдакты карай сөз таштады: - Аяш, окуу бүтөйүн деп калдыбы? - Эмки жума алабыз го. - Жакшы анда, эми сени жумушка орноштурууга кам көрүш керек экен да? - Ооба, окуп бүтүп алса иштеш керек. Жумушту өзүң караштырбасаң болбойт, - Салима шыпылдай сүйлөдү. Алар сүйлөшүп атканда эшик такылдап калды эле, чыга калган Марс бакылдашып кирди. Ким келгени эки келинге тең маалым болду - ал Шамбет болчу. - Айтпай келип калганыма кечирип кой, досум. Негедир сенин үйүңдү көздөй эле бир күч тартып туруп алчу болду. - Ээ, келгениң жакшы, ошонусу жакшы болду. Чакырып келтире алгыс адам минтип келип турса, демек сонун жышаан эмеспи, - аңгыча төркү үйгө кирип кетишти. Салима чай койгонго шашылып калды. - Кел досум, жардамдашып ий, конокко дасторкон жаялы. - Макул, дасторконду өзүң жай, а мен бияктан даярдап берип турайын. Экөө дасторкон жайып болгондо Кызгалдак өз бөлмөсүнө кирип кетмек болду эле, аны Салима токтотуп калды: - Апей, киши келсе өзүңчө отуруп алганың болбос. Жүрү биз менен чогуу эле бол. - Койсоңчу курбум, "көрөйүн деген көп сөз, жок деген бир сөз" дегендей, анын үмүтүн жандырып кашына кирбей эле койойунчу. - Билесиңби, курбум, ал биерге сен үчүн келип жатат, болбосо түн катып эмнеге келмек эле? - Анда силердин көзүңөрчө эле келгис кылып койойунбу? - Жо-жоок, антпе. Сыр билгизбей тура тур, бул табышмактуу дүйнөдө кандай бурулуш болуп кетээрин кимибиз билебиз? Шашпай койо турчу, "адам көңүлү гүл" дейт, гүл көңүлдү соолутпай туралычы, суранам сенден. - Болуптур… - Кызгалдак Салима менен кирип, төрдөн орун алып, Шамбеттин катарына отуруп калды. Шамбет улам Кызгалдакты жалт-жалт карап, баятан бери сүйлөп жаткан сөзүнөн адашып калды.. Окурманга белгилүү болсун үчүн Шамбет жөнүндө кеңири айта кетейин. Макулбектин эң улуу эжеси Айсаранын үчүнчү баласы Шамбет. Тагасынын үйлөнбөй жүргөнүн апасы кейип-кепчип айтканда угуп калчу. Бала кезден окуп-чокуп, тагаларына дале көп каттачу эмес. Үйлөнгөндө Сопубек аялы экөө, таежелери барган, бирок Макулбек барбады. Кыскасы, Шамбет тагасын сүрөтүнөн көрүп жүрбөсө, өзүн көргөн да эмес. Болгону үч-төрт жашында апасы менен барганда Макулбек аскерге баралек жаш жигит кезинде көргөн. Жакында апасына барып, үйлөнөөрү жөнүндө айтты эле, апасы кубанычын жашыра албай: - Ошент, балам. Тагаңча алтымышка чыккыча жүрө бербей. Жакында Сопубектин баласы келип кетти, Макулбек да аял алат имиш, чакыртыптыр, - деп калды. - Оо, жакшы болгон тура, тагам экөөбүз үйлөнүү тойду бирге өткөрөт экенбиз да, - деген Шамбет. Кимге, качан үйлөнөөрүн сурабай эле тамашага чалдыра сүйлөп баса берген. Ошондуктан Шамбет өз оюнда тагасынан мурун үйлөнүп алып, анан келинчегин ээрчитип тагасыныкына баруу эле. Кызгалдак өзүнө бир жолу да имерилип көз салып койбогонуна ичинен жини келгени менен, жүрөгүнөн сүйүп калган адамдай ага кылчактай берди. Марс менен сүйлөшүп, Салима кошулуп бакылдашып жаткан менен Кызгалдак сумсайганынан жазбады. Марс аны улам көз кыры менен карай: "Аялдардын баары ушундай миң кырдуу, бир сырдуу болсо. Менин Салимам мындай эмес, бирок асылзаада жарым бар " деп ойлонуп койот. Түн бир оокумга чейин отуруп үй ээлеринин уйкусу келгенин байкаган Шамбет: - Мен кайтайын, эс алгыла. Кызгалдак, сизге бир мүнөткө мүмкүнбү? - деди келинди карап. - Бир эле мүнөткө болсо каршы эмесмин. - Анда сыртка чыгалы, - Шамбет үй ээлери менен коштошуп сыртка чыкканда Кызгалдак кошо чыкты: "Адамдын шагын сындыруу кесир болбосун, айта турган сөзүн угуп, жүйөөлүү болсо жооп берип койом" деген ойдо. Аңгыча машинанын жанына келгенде аны жеңил колтуктай калган Шамбет: - Кызгалдак, айтчы деги, башка сүйгөнүң болсо мен убара болбоюн, - деди. - Ооба, туура таптыңыз, сүйгөнүм бар, мени кечирип коюңуз. - Да-аа, демек ушундай экен да. Ушуну сезгем, - Шамбет ойлоно ары-бери басып тыбырчылай көпкө турду да, кайра келиндин жанына келди, - Бир кишини эки адам сүйөөрүнө ишенесизби? - Андай болушу мүмкүн эмес, кээде биз, адамдар, жакшы көрүү же жөн эле өңдүү-түстүү аялдарды көргөндө сүйүү деп ишенип алабыз, аялдар деле, мисалы, жакшы кийинген, үй-жайы бар, кызматы бар жигиттерге атайын "сүйдүм" деп тийип алып ара жолдо калып жатпайбы? Сүйүү эки адамда бирдей болмоюн, сүйүү дегенге жатпайт! - Рахмат, Кызгалдак. Туура айттыңыз, сиз менин көзүмдү ачтыңыз, мен анда барайын, жакшы калыңыз, - деп машинанын эшигин ачып отуруп жатканда Кызгалдак басып келди: - Сиз мага капа болбоңуз, текебер дейсизби, теңсинбеди дейсизби, айтор кандай десеңиз өз эркиңиз, кыскасы көңүлүңүздү буруп келип турганыңызга рахмат, кечирип койорсуз? - деди да жылмая колун сунду. - Сизге неге капа болмок элем, бактылуу болуңуз! - Шамбет келиндин колун бекем кыса коштошту да, жөнөй берди. Кызгалдак оор улутунуп алды, жеңилдей түштү: "Бири-бирибизге түшүнгөнүбүз дурус болду" деп үйгө кирип жатып алды. Жаштыктын дайрадай толкуп, азоо тайдай оолугуп, от менен кирген суудан кайра тартпай турган кези өтүп, өмүрдүн өлчөлүү кези калганда жүрөгү каалап баш кошкон жары болуп кызындай эле бир жан келээрине Макулбек өзүнөн өзү өрөпкүп атты. Ал эмне десе ошону аткарууга даяр: "Керилген келин жанымда жүрсө жашым картайбас, өмүрүм өтпөс болуп жаралганым. Арманымдын арты кубаныч менен уланса дүйнөдө жок бакыт эмеспи" деп ойлосо үйүндө жалгыз болгондо тынчы кетип, бир орунга отуралбай уйкусу качып, Кызгалдактын тез эле үйдө болушун каалап, эңсеп, аз калганда күн санап, саат сайын эстей берчү болду. Чакырган туугандары күн мурунтан келип той камын көрө башташты. Эки карындашы күйөөлөрү менен, агасы, эже-жездеси бүт келди. Бир гана Шайым келбеди. Көрсө ал ооруп төшөктө жаткан экен. Макулбек анысын угуп ичтен тынып тим болду. Туугандары чогулуп тоюна арнап ар бири кошумчаларын алып келишкен. Кызгалдакка арнап кийим алышты. Ошол күнү ал дагы толкунданып атты. Марс менен Салима өздөрүнчө жаман абалда калышты. Анткени Кызгалдак ага-эжелеринин бирин да айтпай койгон. - Курбум, сен ушунчалык толкунданып турганда көңүлүңдү ооруткум келбейт дечи, бирок сен агаңдын үйүнөн узасаң болмок, - Салима ага тойдун алды келип эшикте мал союлуп жатканда ушинтип айтты эле, Кызгалдак күлө карап: - Аны мен да ойлодум. Алар жакшылап узатмак тургай, "картаң кишиге эмнеге тийгени жатасың?" деп урушат, көңүлүмдү оорутат. Салима, кийин деле сыйлап алабыз, сен менин бир тууганымдай эле болуп калдың, мен сенин үйүңдөн эле кетейин, - деди Кызгалдак. Ошентип, Макулбек менен кошо эжеси Айсара, карындашы Гүлсана, дагы эки-үч аял болуп алып кетишти. Марстын колуна он миң сом берип, бир тайды эшигине байлап коюшту. Салима алар менен кошо барып үй-жайын, жашоосун көрүп, ага-тууганынын адамгерчиликтүү, меймандостугуна ыраазы болуп турду. Кызгалдактын баарын ойлонуп, калчай билгенине таңданды. Төрт машина менен ЗАГСка барып, аерден чыгып келатканда аларды көздөй келаткан Шамбет делдейе туруп калды, колундагы гүлү жерге түшүп кеткенин да баамдаган жок. Кызгалдактын бир жагында Салима келаткан, ал эмне болуп кеткенине түшүнө бербей ага жете бергенде: - Шамбет, сага эмне болду? Кызгалдакты куттуктаганы келдиң беле? - деп шыбырай сураганда ал шалдая жооп берди: - Жо-ок, Макулбек менин бир тууган тайкем эле, ошого келгем. - Кыз-зык.. Ошондой беле?! - Салима оозун жыйгыча Шамбет Макулбекке жетип гүлүн бере: - Куттуктайм, тага, бактылуу болгула, - дегенде Кызгалдак ага бактылуу жылмайып койду. - Рахмат, жээним, айтканың келсин! - Макулбек гүлдү кайра Кызгалдакка берип, чогуу машинаны көздөй басышты. Тойго келген Макулбектин жоро-жолдоштору да жөн келишпеди, баары абройлуу, кызматкер, бакыбат адамдар белектердин баалуусун тартуулап, бакыт-таалай ыроолоп жатышты. Шамбет ошол тойдо Кызгалдакка ыраазы болуп жүрдү, анын жөнү келин болсо да түз сүйлөп калп айтпаганы. Бир гана өкүнгөнү - ушундай асылзаада аялдын өзүнө туш болбогону. Тойго келгендердин ичинде бул жаш келин улгайган адам менен жашап кетеби же эртең эле болгон жакшы нерсесин көтөрүнүп кетип калабы дегени да жок эмес. - Ай ушу мөлтүрөгөн жапжаш неме кайниңе чын көңүлү менен тийдиби же эптеп эле бир кыйынчылыктын айынан макул болду бекен? - Улгайып калган аял Макулбектин атасы менен бир тууган агасынын аялынан сурап калды шыбырай. - Эмне, биздин бала кыз сүйө турган адам эмес бекен? Үйлөнгөн эмес, алтымышка чыккан менен жаш жигиттен кем эмес, андай котур ташың койнуңда болсо эмне келдиң ыя? Ушагыңды менден башкага айт! - деп койо бергенде ал шыпшынып койду: - Таң, үч баласы бар имиш, аргасы жок тийип алып кийин бар тапканын алып кетип калабы дейм да? - Кетсе-кетпесе сенин ишиң канча? Же сеникин көтөрүп кетмек беле? - Айсара тигини ого бетер кагып койду, - Келсең жөн келип, жөн сый кетпейсиңби ыя? Же менин инимдин үйүнө күндө келип аттың беле? - Койдум, койдум, - тиги аял купшуңдай отуруп калды. Бул учурда Кызгалдак өзүн дүйнөдөгү бактылуу аял катары сезип, эки бети албырып, улуу-кичүүнүн ак батасын алып, алкоо сөздөрүнө балкып, ого бетер кубанып отурган. Салима да кете элек, жанараак телефондон Марсты чакырып алган. Ал Шамбеттин бул тойдо жүргөнүн көрүп таң калганы менен, экөө жолугуп, себебин уккандан кийин андан бетер айран калганын жашырбады. - Дос, мен өзүм да не дээримди билбей калдым, үч уктасам да түшүмө кирмек эмес мындай болоору. Апам айтканда дагы "Бир аял туш келгендир, жакшы аял болсо бала-чакалуу болуп калса болду" деп ойлоп койгом, - Шамбет чын оюн айтты. - Да-аа, тагдырың түшкүр ушунчалык табышмак, ээ? Ким ойлоптур келип эле сага тайжеңе болуп калат деп. - Ананчы, кызыгың түшкүр десең, - деп экөө көпкө чейин сүйлөшүп турду. Тойго келген адамдар кайта баштаганда Марс Салиманы чакырып: - Айым, кетели биз дагы. Тун кызыбызды узаттык, эми экөөбүздүн алдыбызда да көп милдеттер бар, - деди күлө. - Ананчы, Кызгалдак тун кызыбыздай эле болуп калды. Эмнеси болсо да бактылуу болсунчу. - Бак айтсын. Мен бир көргөндө эле бул адамдын оңой киши эмес экенин байкагам. Ошон үчүн каршы болгон жокмун да, - Алар сүйлөшүп турганда Шамбет басып келип жанына туруп калды. Үчөө аркы-беркини сүйлөшүп көпкө турушту эле, арытан Айсара үн катты: - Ай Шамбет, алдагы конокторду үйгө киргиз, Макулбек чакырып атат. Бол эрте. - Азыр, апа, мына баратабыз, - деди да, ээрчише түз эле Кызгалдактар отурган бөлмөгө киришти. Макулбек аларды абдан сыйлап, кийит кийгизип, эртеси эртең менен узатып койду. Марс менен Салима үйүнө келгенден кийин Кызгалдактын туугандарына киши жиберип, бергендерин түз эле өздөрүнө берүүнү ойлоп жатышты. Бирок алар эмне дейт, туура түшүнөбү деп ойлогон жок, болгону адамгерчилик, жакшылык кылуу адам баласынын парзы деп түшүнүштү. Салима кызмат, мансап үчүн курбусун аз жерден капа кылып көңүлүн оорутуп ала жаздаганына ичинен күйөөсүнөн да уялып жатты: "Марс болбогондо баары бир көп тайкылыктарды жасамак экем. Чынында мен жеңил ойлуу окшойм, ар нерсеге токтоолук менен карабаса канча адам жабыр тартмак. Марстын акылына көнгөнүм жакшы болгон экен" деп өзүнчө тобо келтирип жатты, бирок ички оюн күйөөсүнө билгизбеди. Бир жумадан кийин Салима таттуусун, кант-чайын алып, бир козу союп учурашканы Кызгалдакка келди. Келгендеги максаты аны менен жакшылап кеңешүү болчу. Аны жакшы тосуп алып, курбусу маңдайында отурду: - Кандай курбум, аяш жүрөбү, өзүңдүн иштериң жайындабы? - Баары жакшы, досум. Келгеним, сени менен кеңешейин дегем. Марс экөөбүз сенден барган буюмдарды уялып ууру кылган сымал жаман болуп атабыз. Кантсе да сенин өз төркүнүң эмеспи, чакырып тигил мал менен акчаны берели дегенбиз. - Койчу, Салима, ошонуңар кантип болсун? Аны мен Макулбекке кеңешип силердин мага кылган жакшылыгыңар үчүн сый катары бергенбиз, ал эми агаларым менен эжелериме өзүбүз киши жөнөттүк, кайсы күнү келээрин билбейм, барган кишиге унчугушпаптыр. - Ошентсе деле Кызгалдак, сени мен ушинтип мээнетимди актасын деп ойлобой эле, бактылуу болсун деп ойлогом. - Баарын унут, досум, эми биз өмүр бою бир туугандай катышабыз, арабыз мурункудан да жакындап ажырагыс болуп калдык… - Туура, курбум, анда төркүнүң келсе биз кошо тосушабыз, сөзсүз чакырып кой. Ошо тушта Макулбек кирип келди: - Оо Салима, келегой. Кандай, иштериң жакшыбы, Марстын денсоолугу жакшы жүрөбү? - Жакшы-жакшы, . Өзүңүз кандайсыз? - Ойдогудай. Кызгалдагым экөөбүз кайын-журт келип кетсе саякатка чыгып, жер кыдырып келели деп атабыз, ээ гүлүм? - Ооба, биз ушундай деп чечтик, - Кызгалдак жылмая күлүп койду. - Жакшы, эң жакшы! Курбумду бактылуу кылып, кадырына эле жетсеңиз болду. - Алибетте, Салима, көп жашап койсом да азыр кайра жашаргандай болуп турам! - Макулбек чын ниетинен жашоого, тагдырынын ушул мүнөтүнө ыраазылыгын айтып отурду. Пенде эмеспи, Салима ичинен ушул кез Кызгалдактын бактысына ичи тарып кетти: "Бакыт деген кандай гана кызык, ата-энесинен көрбөгөндү ушул чалдан көрө турган кылып пешенесине жазып койгон экен, мени кыз алган күйөөм саякатка алып барганы кана… " деп ойлоп, кайра: "Кызык эле жанмын да - көралбагыдай душманым беле? Мен деле бир топ аялдарга караганда бактылуумун, жаркылдаган кызматчы күйөөм, иштеген ишим, үй-жайым, дүнүйө десе дүнүйөм турат ко?" деп өзүнүн оюн билип койгондой селт эте түштү. Алар Салиманы коноктоп жатканда сыртка машина токтогондой болду эле, Макулбек чыга калды. Эшиктин алдына келип калган кырктын кырындагыдай жигит колун сунду: - Ассало-ому алейкум! - Ал-леки салам, кел жигит. - Келдик, Макулбектин үйү ушулбу? - Ооба-ооба… - Макулбек кичүү болсо да жаш жигиттен тайсалдай түштү. - Сизби Макулбек деген? - Жигит ишенбегендей кайра сурады. Аңгыча Салима менен Кызгалдак чыга калды. - Ооба менмин… - Менин карындашым сиздерге келин болгон экен, киши барды эле… - Жакшы-жакшы, , үйгө кир. Дагы барбы келгендер? - Адегенде карындашым менен ачык сүйлөшөйүнчү, - Кызгалдакты көздөй басты, - Кызгалдак, акыбалың кандай? Бул киши ким, кайнатаңбы же кайнагаңбы? - ачуусу келгендей жаак эттерин түйүлтө. - Байке, менин кайнатам эмес, күйөө балаңыз. Үйгө киргиле, дагы кимдер келди? - Атаңдын башы! Атаңдай кишиге тийип кайсы ырыстуу болмок элең, бас, сыртта машина турат, үч балаң менен сага күйөөнү ким коюптур?! - Мен эч жакка кетпейм, келсеңер сыйыбызды көрүп жакшы батаңарды берип кеткиле. Менин үч балам өз ырыскысы менен, мени сыйлап ата-энем ордуна жакшы тилегиңер менен келсеңер үйгө киргиле! - Тапкан экенсиң, бас деп атам! - деп Кызгалдакты колдон алып сүйрөп жөнөгөндө дарбазадан жеңеси Арзыкан чыга калды: - Мурат, эмне болду, кыз менен сүйлөштүңбү? Койо бер, токтой тур! - деп кайынсиңдисинин колун чыгарды, - Кызгалдак, кана өзүң айтчы: келген жериң, алган жарың кандай? Өзүңдүн көңүлүңө туурабы? - Ооба, атасындай немеге тийип алып мактанып чакыртыптыр! Кара бу кишини, ушуга уялбай кантип тийип алды десең.. Болду, биерге койбойм! - агасы ачуулана кайра жетелеп жөнөдү. Салима эмне кылаарын билбей Макулбекти карап, анан үйгө кирди да, өз үйүнө телефон чалды. Тутканы Марс алаары менен: - Марс, бат келип кал, Кызгалдактын үйүнө кел! - деди да, кайра сыртка чыгып Кызгалдактын жанына барганда ал колун катуу силкип бошотту: - Берерге бешөө чыкпаса да, аларга алтоо чыгат дегендей, мени өз жайыма койгула. Андан көрө сыйыбызды көргүлө! - деди эле, жеңеси ыргый сүйлөдү: - Апий бетим, өз теңдүүңө тийип алгансып айтканың эмнең? Биз эмне, сыйдан калып калыптырбызбы? Азыр ушул шаардан кимдикине барсак да тосуп сыйлап алат. - Андай болсо, жеңе, өз жолуңар менен бара бергиле. Мен үч жаш балам ар бириңердин эшигиңерге барганымда чекемден сылап кимиң батырдың эле?! - Ыкы, бизге өчөшүп ушу картаң чалга тийдиңби? Намыс-арың барбы деги? - агасы Мурат жиндене кыйкырды, - Күйөө бала деп мен атамдай кишини кантип айтам? Андан көрө бас үйгө, сени ала кетейин! - Ошону айтсаң, жаш неменин башын айлантып койгон тура, буга эмне, балдары чоңойуп өзүндөй болуп калганда бир кызматчы керек болгон да! - Жеңеси күйөөсүн коштой сүйлөгөндө Кызгалдак чыдабай кетти: - Жеңе, антип ойлобогула, мен азыр жаш эмесмин… - деп келатканда Мурат аны сүйлөтпөй сөзүн жула качты: - Ийи, далайды көргөн карышкырга тең болуп калдың беле? Башыңы айлантпаса атаңдай эмени мага күйөөм деп уялбай айтат белең?! - Айтам, анткени мен аны сүйөм. Мени өлтүрүп өлүгүмдү алып кетпесеңер, мен бул жерден тирүү чыкпайм, уктуңарбы?! - деп үйгө жүгүрүп кирип колуна бычак алып чыкты, - Кана, мени уят кылбай үйгө киресиңерби же менин өлүгүмдү жүктөп кетесиңерби? - деп бычакты өз жүрөгүн туштап эки жакты тең карап жооп күтүп көзүнүн жашы талаа-талаа болуп агып атканда Марс келип калып кармай калды: - Эсиңе келчи, Кызгалдак, эмне болуп кетти? - Көрүп турасың го, аяш, менин абалым кыйын болуп турганда не агам, не эжелерим калкалай алмак эмес, кокус мен балдарымды багалбай талаада бомж болуп арак ичип көрүнгөн жерде калсам ушулар намысты ойлойт беле? Мени тегеренип өтүп көрмөксөнгө салып, баягы ушинтип калыптыр деп унутуп да коймок, сөөгүм моргдо белгисиз калып, бир күнү белгисиз өлүккө айланып эптеп көмүлмөкмүн! - Кызгалдак сүйлөп да жатты, Макулбек үн дебеди, тек өздөрү түшүнөөр, чегинер деп ойлоп жүрөгү ооруп турду. Көптөн кийин сырттан Кызгалдактын эжеси кирип келип эле ар бирин карап: - Ой айланайындар, эмне болду? Биз туура таптыкпы же жаңылып калдыкпы? - деп эки жакты карап Кызгалдакты көрүп, - Ой кыз, сага эмне болгон? "Кызга бергис жубан бар" деп, сенин кадырыңды көтөрөлү деп келсе эмнеге "киргиле, кулдугубуз бар" дечү жан жок? Же эмне, адам сыйлаганды билбеген жерге туш болдуңбу? - деди ага жакындай берип. - Ооба, "энеден кийин төркүн жок, атадан кийин ардак жок" дегенди эми билип отурам. Билсеңер, атаман кийинки агам, энемден кийинки эжем деп силерди чакырткам, мындайыңарды билгенде өлгөн киши катары дайынымды билгизмек эмесмин, - Кызгалдак эжесине түсүн үйрүй жер карады. Ушул учурда Мурат силкине аялына бурк эте кайрылды да, сыртка чыгып кетти. Анын артынан жеңеси менен эжеси чыкты, тигил төртөө төрт жерде үндөбөй тура берди. Кызгалдак турган жеринде бүк түшүп ботодой боздоп ыйлап жатты. Аны Салима өйдө тургузуп үйгө алып кирди. - Кызгалдак, мынчалык капа болбочу? Эмне болуптур, алар деле бир кезде түшүнөт. Өзүң менен өзүң болуп балдарың менен, алганың менен бактылуу болсоң болду, өзүңдү кыйнай бербечи! - Да-аа, демек пендени түрдүү кылып жаратат тура жараткан өзү… - Макулбек үшкүрүнө Кызгалдакты карады, - Кызгалдагым, гүлүм менин, капа боло бербе, алар дагы келишет. Тиги сойо турган койду бага берели, аларды сыйлашыбыз керек, - деди токтоо. - Аяш, көп эле эзиле бербе. Байкенин көңүлү түз болсо болду, сен үчүн биз да, алар да эч кыйналбайт, - Марс көңүл көтөрүүгө Кызгалдакты карады. - Марс, силер айтсаңар жарашмак, мени кыйын абалдан сууруп алып ушул күнгө жеткирдиңер, - ыйлап жаткан Кызгалдак Салима менен Марсты карады. - Ойлонбочу, курбум. Биздин адам алдындагы парзыбыз болчу, сени көрүп-билип туруп байкамаксан болуп жүрө берүүгө чыдамак эмеспиз да, - Салима анын көз жашын аарчый сооротуп атты, - болду, өзүңдү айа да, эртең буйруса балдарга барабыз. Жакында кызың мектепке барат, сен алар үчүн керексиң! - Мени да ойлоп койгула, балдар, Кызгалдагым жок мага да кыйын болот. Жаңыдан өзүмдү отуз жаштагыдай сезе баштаганда, - Макулбек күлүп калды. - Сиз биринчи турасыз да, Кызгалдактын тагдыры эми сиздин колуңузда, - Үчөө тең күлүп калды. - Кой, тамактаналы. Кызыл гүлүм, тур эми, капалыкты көңүлдөн тезирээк айдап сал да, келген конокторго тамак ас! - Макулбек өзү жаман абалда турса да Кызгалдакты колтуктай тургузуп жүзүнөн сүйүп койду, - Мени алардын сөздөрү капа кылбайт, мен баарына даяр болчумун, ушундай болоорун сезгемин. - Менде күнөө, сизге бул сөздөрдү угузган менмин! - Кызгалдак басылып ордунан туруп ашканасы тарапка баратып Салималарды карап күлө унчукту, - Силер капа болбогула эми, мен заматта бирдеке чыз-пыз кыла койом. - Тим эле койчу, кеч кирелекте биз кетели. - Жо-жоок, эч жакка кетпейсиңер! Конокту эшиктен кетирүүгө жол бербейм! - Макулбек аларды ордунан тургуза койбоду. - Мейли, буларды капаланып турганда таштап кетмек белек, байке менен чечилишип сүйлөшүп, аяштын көңүлүн көтөрүп отуруп анан кетебиз да, - Марс чын дилинен Салимага карай сүйлөдү. - Оох, эми туура болду, антпесеңер Кызгалдак таарынып калбайбы. Кеңири отуруп сүйлөшө элекпиз, - Макулбек кубана кубаттады. Төртөө ортодогу ыңгайсыздыкты оңдоп тамашалашып, көпкө отурушту. Заматта тамак даяр болуп, жаңыдан дасторконго отурганда сырттан машинанын үнү угулду. Макулбек Кызгалдакты карады эле, ал туруп сыртка жөнөдү. Алар Мураттар эле. Шаардагы карындашын алып кайра келишкен экен. Кызгалдак үндөбөй дарбазанын жанына барды да, босогодо турган агасына тике карады: - Адал ой менен келдиңерби, же дагы менин намысымдын бар-жогун териштиргени келдиңерби? - Ачууланбачы, Күкү, анча-мынча кызы бардын назы бар кылалы десе, ошого таарынып калдыңбы? Кичине куда тосуп алчу эчкимиси жокпу? - Кол куушуруп куда тоскудай мен он сегиздеги кыз белем? Кууп барып сый көрүп эле жүрбөдүңөр беле? - Машинадан эки эжеси, иниси аялы менен, жезделери түшүп келатканда үйдөн Макулбектер чыга калышты. Эч нерсе болбогондой аларды Марс менен Салималар үйгө киргизип конок камын көрө башташты. Марс менен Макулбек кой сойгонго киришти. Макулбек Марсты үйгө киргизип Шамбетке телефон чалуусун өтүндү. Эки досун чакырды. Ошентип заматта кайын-журтунун Кызгалдакты кечирип кайра келгенине ичтен ыраазы болуп атты. Ичкиликти, импорт винону, пивону жетээрлик алдырып койду. Бир аз чай ичилгенден кийин малга бата кылып жиберишти да, андан соң бири-бири менен бабырап киришти. Кызгалдак эң улуу эжеси менен өзүнчө сүйлөшүп отурду: - Эже, өзүңөр ойлосоңор, мен ушул үч жылдан бери эмне гана күндү көрбөдүм. Бала-чакасы жок экен, үй-жайы турат, балдарымды өз баламдай көрөм деп жатат. Жаш, өзүмө тең күйөөгө тийип эмнени көрдүм? Ар бириңердин эшигиңерге үч балам менен бардым… Муңкана кетти эле эжеси Гүлүйпа аны кучактай калып өпкүлөп ийди: - Кой кагылайын, бизге капа болбо. Сени карайлатып койбойбуз. Анда ошондой болгон, күйөөдөн чыкпасын, жашап кетсин, балдары чоңойсо урушпай калаар дегенбиз. - Кой эми эже, апамдын ордуна өзүң апа катары эле болуп калдың. Колдон келген сыйыбызды көргүлө. Бул абдан сыйлуу адам, уят кылбагыла. Мен чынында ушул кишиге жолугуп калганыма ыраазымын, - Кызгалдак эжесин конок үйгө киргизип коюп, өзү Салимага барды. Айылда өскөн неме арыдан-бери ичеги-карынын артып бүтүп койгон. - Салима, кирип конокторго өзүң чай-пай куюп отур, калганын өзүм жасайм. - Кой, сен жалгыз кыйналып каласың. Мен этти казанга салгандан кийин деле кирем, - Салима болбой койду. Экөөлөп куурдак жасап, Марс баш куйкалап жатты. Шамбет келип калып, конокторду тейлей баштады. Үй-жайдын, күйөө баланын сыйын көрүп отуруп, эжеси инисинин чапчаңдыгына кичине нааразы болуп атты: "Ойлонбой сүйлөп уят кылды. Ырас эле өзүнө жагып, жакшы жашап кетсе болду да, кантсе да Күкүнүн көңүлүндө калган экен", деп ойлонуп анда-мында сиңдилери менен шыбыраша коюп, Муратты көп ичпе деп тыйып коюп отурду. Мурат ичкиликке жакын, бирок өзүн кармап көпкө чейин ичпей коюп жүрө берчү. Кокус бир баштап алса токтотмогу тозок. Иниси ичпейт. Машинаны иниси айдайт. Гүлүйпа башынан ичпейт, эки сиңдиси да аз-аздан мындай конокто татып койчу. Макулбектин достору аялдары менен аларды шыкап атты: - Кой, алып отургула, мындайда ичпегенде анан, - Тоня деген жоон-жолпусунан келген аяшы тыпылдай сүйлөп да, ырдай да коюп, аларга арактан улам жаңыртып куюп коюп, - Ай Шамбет, тиги кудачаларга винодон куй, чоң кудачанын ичпегени жаман экен, - деп ал Гүлүйпанын жанына барып отурду, - Ай кудача, эми-ии сиз ушулардын эң улуусу да, сулуусу да экенсиз, эне-атасынын ордуна ата-эне болуп калыпсыз, ушу бүгүн жок дегенде кичине алып коюңуз! - Капа болбогула, намаз окучу элем, болбосо жөн эле ичип коймокмун. - Кой, намаз окуса ичирбе, күнөөкөр болосуң, - Тоняны күйөөсү тыйды, - башкаларын алдыр. - Мейли анда, ырас эле намаз окусаңыз күнөөгө батпайын, - Тоня профессор күйөөсүнүн сырын билчү, анткени ал да ичпейт. Макулбек экөө жолдош-жоро болуп катышып жүрүп, экөө бир ичкиликти таштап, ал намаз окуп жүрөт. Макулбек намазга жыгыла элек. Мурат бир топ кызып калды. Эки эжеси да кызый баштаган. Алардын ичпейм дегенине карабай куурдак келгенде дагы шыкап атып: - Кызгалдактай кызды өстүрүп койгонуңарга ырахмат, биздин аяш картайгыча кыз жакпай жүрүп, акыры силердин кызыңарга ашык болуп, насиби биригип калыптыр. - Ошону айтсаң, болбосо ким ойлоптур? - Гүлүйпа таңдайын "шык" эттире шыпшынып койду, - Деги бактылуу болсо экен. - Бактылуу болот буйруса, биздин Макебиз кадыр-барктуу адам, дүнүйө-мүлк десе бар, бойдоктой болуп тапканын чачпай зыңкыйып гана жүргөн, - деп Шамбет шакылдай, улам куйган чайды узатып коюп, кайрадан арак-винодон сунуп атты. Өзү да жакшы ичет, чечилип сүйлөгөндө аны эч ким токтото алчу эмес. Ошол маалда Марс менен Салима кирип келишти эле, - Мына курбу-курдаш деп ушуларды айт: Кызгалдакты сыйлап үйгө келин келгенден бери кызмат кылып жүрүшөт. - Антпесе болбойт да. Салима Кызгалдак менен кичинесинен бирге окуп, бирге сырдашчу экен, - Марс да жөн калбай бакылдап калды. - Ий айланайын, сен Салимасыңбы? Мен тааныбай калган турбайынбы, кел, келегой учурашып койолу. Тиги жигит күйөөңбү, садага? - Гүлүйпа Салиманы бетинен өөп койду, - Окууңу бүтүп иштеп атат деди эле, ишиң жакшыбы? - Жакшы, эже, иштеп атам. - Мейли айланайын, жашсыңар, тилегиңерге жеткиле, экөөң бири-бириңе көз болгула. Ансыз да катышат экенсиңер. - Ананчы, катышып турабыз. Аңгыча Кызгалдак куурдак көтөрүп киргенде Салима сыртка чыгып ага жардамдашып, баарына жетип, Макулбек да үйгө киргенден кийин гана кайрадан тост көтөрүп каалоо-тилектер айтыла баштады. Мурат кызып калды эле, Гүлүйпа наалып кирди: - Ушуну азыраак ич десе эле… - Кудача, бүгүн кыз кууп келип атпайбы, башка күнү ичпе десеңер жарашат, кудага барганда мас болуп ичип-жеп, анан сый көрүп кайтат, - Тоня дагы шакылдады. Таң агаргыча бака-шака болуп койдун эти бышып, алдыга келгенде тигилер кызып калды. Жеңесинин күлкүсү чыгып, улам кайынсиңдисине карап: - Садага болоюн кыз ий, сен эле тынып калсаң биздин санаабыз тынып калат эле, - дегенде, Гүлүйпа аны шыбырап тыйып койду: - Ай жөн отурчу деги, эриң менен жарышып ичип алып сеники өттү. - Кечирип койчу, эжекебай, бүгүн Кызгалдактын төрүнөн ичпегенде кайдан ичем ыя? - Уят эми, ичсең да көп сүйлөбөй отур! - Ма-аакул эже, эми такыр сүйлөбөйм, - Анын ары жагындагы эки сиңдисин карап сыртка карай башын шилтеди эле, алар экөө тең эптеп сыртка чыгып кетишти. Гүлүйпа эки сиңдисин үнүн пас чыгара урушуп кирди: - Деги уятыңар жок экен, ага-жеңеңдин кебетеси тигил, экөөң андан бетер. Төркүндөрү мас болуп калды деп кеп болобуз го эми. - Эже, биз эмне жаш белек, биз деле келин алып, кыз берип калдык. Ичсе ичип койдук да, сыйлаганынан, - деди улуурагы. - Эми башка ичпегиле. Муратты эптеп машинага салып кетебиз, экөөң эс-акылыңар менен болгула! - деди да, өзү үйгө кирип ордуна отуруп калды. Тамак желип бүткөндөн кийин Кызгалдакты эки аяшы чакырып алып Салима экөөнө кеңеш кылды: - Баары өз биртуугандарың экен, акчаны эжеңе берели, кийитти улуулата койо беребиз, туурабы? - Ооба-ооба, мага баары бирдей, жеңемди таарынтпайын, анын да кыялы жаманыраак эле, - Кызгалдак күлүп калды. - Ой деги кайсы жеңе кайынсиңдиге ыраазы болчу эле? - Тоня тамашалай күлдү, - Биерде кийиттин жаманы жок, баары жакшы, сенин көңүлүңдөгүдөй. - Сиздер кирип коюп чыгыңыздар! - Мына, жүрү Салима, кудаларга кийит кийгизип, бүчүбоо алабыз, - Көзүн кыса Салимага карап үйгө баштап кирди. - Ой-ий эже, бүчүбоо деген айылда болот, шаарда деги көрбөдүм го андайды? - Кыргыз бар жерде салт бар, үрп-адат бар. Эмнеге ата-бабанын салтын кармабайбыз? - деп кирип келип Гүлүйпанын алдына лама пальто менен кошо бир сыйрасын койду да, үстүнө конвертти коюп жатып: - Кудача, кызыңардын алдын бала басып, артын мал бассын, бул он беш миңди тою деп алып койгула! - деди Тоня. - Мейли эмесе, айланайындар, - Гүлүйпа алаканын жайганда баары бата тилеп алакандарын жая отуруп калышты. - Ылайым келген жеринен бак карап кыдыр даарып, уул-кыздуу болуп күйөө бала экөөнүн ырыскылары ашып-ташып өмүр өткүчө кол кармашып жүрө беришсин, оомийин! - Оомийин, айтканыңар келсин! - дешип дуу бата кылып ийишти. Калган кийиттерин алды-алдына коюп дагы бата кылышты. Бул кезде таң аппак атып калган, машинаны иниси оталдырып, баары машинага отурганда Марс арытан бир койду жетелеп келип багажга салды. Андан сырткары бая эле ачуу басарга берчүлөрүн даярдап салып коюшкан. Абдан ыраазы болгон эже-сиңдилер коштошуп, машинага отуруп жөнөп кетишти. Конокту кетирип, кайрадан чогуу жайланышып, дасторкондон отуруш башталды. Макулбек эки досуна абдан ыраазы болуп, эмки кезекте аларды сыйлоого өттү. Анткени экөө беш миңден он миң, эки аялы эки лама пальто алып келишиптир. Ошентип Макулбек өмүрүндө биринчи жолу үйлөнүп, ырдап да отурду. Анткени Замираны алганда бир кой союп гана нике кыйдырып койгон эле. Ал эми азыр жашоонун кызыгына батып, тагдырына миң мертебе ыраазы боло ушул күнү чечекейи чеч боло сүйлөп отурду. *** Тилек Калбүбүгө болгонун болгондой айтып бүтүп: - Какен, кеч болсо да кечирип кой, менден кетти, мен эле ишенип ага илинип калбаганда бул иш болмок эмес. Баары менден, мен сени мурда кандай сүйсөм, азыр да ошондой эле сүйөм. Ансыз да өмүрүм аз калып баратат, азбы-көппү, сени менен жашагым келет. Балким көңүлүм тынса оорумдан айыгып кетээрмин, сен айтканыма каршы болбо, он күндүн ичинде сыртка чыгарып алам, - деди башын салаңдатып отуруп. - Кантип, Тилек? Эми кадимкидей болалбайбыз го, ата-энең мени сага ыраа көрбөйт болуш керек. Андан көрө өзүңдү кара, - деди Калбүбү жашка муунуп, Тилектин ооруп калганына зээни кейий. - Жок, Какен, мен сен жанымда болсоң тез айыгып кетем, болбосо өлүп калышым мүмкүн. Карасаң жүрөгүмдүн ылдамдай согуп жатканын! - Кой, Тилек, жакшы болуп кетишиңди кудайдан тилейм, али жашсың. - Жо-ок, сенсиз мен жашай албайм, ата-энем болсо макул болду. Шаардан үй сатып беришти. "Эмне болсоң да аман бол" дегенден башка сөз айталбай калды, анткени врачтар "айтканын кылгыла, көп ойлонуп капа болсо оорусу күчөйт" дептир. - Ойлоноюн, эки күндөн кийин келчи, - Калбүбү аргасыз ушинтти. Тилек дагы бирдеме демек болгондо аны эшик кайтарган милиционер келип убакыт бүткөнүн айтып сыртка чыгарып ийди. Эки күндүн өтүшү Калбүбү үчүн өтө эле кыйын болду. Анткени Тилекти өзү дале сүйөөрүн чындап түшүндү. Түрмөдө отуруп мерез болгон жүрөгү жибип, адамча жашоону эңсеп туруп алды: "Кантсе да кыз кезимде биринчи сүйүүсүн арнаган эмеспи, минтип оорукчан болуп калса, сөзсүз жанында болушум керек" деген ойго токтолду. Үчүнчү күнү Тилек эрте келди. Калбүбү аны көрүп эле түрүнөн чоочуп кетти. Анын өңү апаппак болуп, көздөрү чарасына кирип араң эле келгендей түрү бар: - Эмне, ооруп атасыңбы? - Оору мени соо кылбайт окшойт, Калбүбү. Мен кечээ келалбай калдым, абдан кыйналдым, жүрөгүм эле лакылдап кабынан чыгып кетчүдөй болуп атат. - Көп ойлоно бербесең, мен макулмун, Тилек. Ушу сенин дабагериң мен болсом сен үчүн баарына даярмын! - Тилекти кучактай калды, ал дагы келинди кыса кучактап турганда Калбүбүнүн төшүнө анын көкүрөгү тийип, жүрөгүнүн соккону кадимкидей билинип турду. - Мына, Калбүбү, көрдүңбү, жүрөгүм кубанычты да, кайгыны да көтөрө албай баратат. Суранам сенден, менин акыркы күндөрүмдө жанымда болчу?! - Болуптур, мен сендикмин, айтканыңа макулмун, бир аз эс алчы. - Азыр… - Тилек кичинекей жолугушуу бөлмөсүндөгү отургучка отуруп калды. Колдору назик, арыктаганга ого бетер ипичке болуп, тамырлары көөп турат. Көпкө отурду да, коштошуп чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Калбүбү ар кайсыны ойлонуп кыжаалат боло берди: "Байкушум ай, жүрөгү оорукчан экенин билген жок элем, деги айыгып кетсе экен. Каап, эми эмне болот?" Өзүнчө шыпты тиктеп жатканда жанындагы Катя деген келин ага карап суроо берди: - Сен эмне эле ойлонуп калдың? Күйөөң же жигитиң келдиби, же үйүңөн туугандарың келдиби? - Күйөөм келди, ооруп атыптыр… - Көңүлсүз жооп берип ары карап жатып алды. - Ооруп жатса айыгат да. Сени айт - дагы беш жыл отурасың. Ага чейин ал аял алып алышы мүмкүн, түрмөдө отурган аялын карап отурмак беле? - Анда сенин кандай тиешең бар ыя? Аял алып кетеби, же күтөбү - анда сенин иш-шиң болбосун! - Канча балаң бар? - Катя кайра жылмая, кытмырланып сурап койду. - Төрт балам бар! - Калбүбү атайын калп айтып койду. Ал жанындагылар менен дегеле сырдашып же сүйлөшчү эмес. Тамактанганда да өзүнө тиешелүүнү ичип туруп кетчү. - Ой, төрт балаң болсо анан эмне киши өлтүрүп жүрөсүң, ыя? - Оозуңду жабасыңбы же азыр сени да өз жайыңа алпарып койойунбу? - Калбүбү жини келе ордунан туруп, көздөрүнөн заарын чачырата караганда Катя унчукпай жоошуй үн катты: - Кечирип кой, эжекеси, мен билгим келгенинен эле… - Бирөөнүн ишине кызыкпай жүр, сени мен сурап атамбы эмне кылып отурдуң эле деп? Уксам да кайталап сурабайм! - Болуптур… - Ошол бойдон Катя үндөбөй калды. Анткени алар Калбүбүдөн коркчу. Жаңы келгенде аны эрмектеп тийишкен, ошондо ал алардын катыгын берип койгон, ошондуктан ага эч кимиси даабайт. Аны менен берки үчөөнүн иши да жок. Катя буларга бир жыл мурун келип кошулса да жаагы тынбаган неме. Ал болоор-болбос жалаа менен отурган, жакында бошоп кетем дегендей үмүт менен жүргөн. Калбүбүнүн сырын билчү эмес. Тилектин атасы чоң кызматта иштеп эс алууга чыккандыктан тааныштары көп эле. Тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп бир айдын ичинде Калбүбүнү чыгарып алышты. Тилек анын чыкканына кубанып бир сыйра кийимин алып келип шаардын чет жагынан атайын алып берген үйүнө алып келди. Ата-энеси уулунун көңүлү үчүн мал союп нике кыйдырып, чакан той өткөрүп беришти. Канчалык Калбүбүнү жек көргөн менен, Тилектин кан какшап айтып жүргөнүнөн баарын жасады атасы. Жүрөгү кармап ордунан өйдө болалбай жатканда: - Апа, мен бирөөлөр үчүн күнөөлүүмүн, эгер өлүп калсам тозокко түшпөйүн, эки кыздын ортосунда мен үчүн ошондой иш болгон, мени балам десеңер Калбүбүнү чыгарууга жардам бергиле, - деп ыйлап отуруп айтканда колдорун кармап отурган апасы көз жашын сыдырып алып жүзүнөн сүйдү: - Олда-аа каралдым ай, бир эле кыз менен сүйлөшпөйт белең. Балалыгың да, өзүң үйлөнө элексиң, түрмөдө отурган эмени алам дегениң болбойт, - деп ээрдин тиштей калган. - Анда мага келбегиле, мени өлдү деп эсептеп койгула. Ансыз да канча өмүрүм калганын ким билет, - деп ары карап жатып алып кара көк болуп кыйналып жатса да укол албай, дарысын ичпей, качан өзүн билбей калганда врачтардын жардамы менен аман калып жүрдү. Эс алганда өзүн караган врачты алсыз карап: - Мени дарылабай эле койуңуз, баары бир мен өлө турган кишимин, - деп шалдырап жатып калды. Ошондо ата-энеси анын көңүлүн көтөрүп, айтканын аткарууга сөз берген. - Эч кам санаба, уулум, өзүң билесиң, бала кезиңден сени укол, дары менен, көңүлүңдү оорутпай карап келатабыз. Ушул сапар ооруң катуу кармады, - атасы үңкүйүп отуруп айтканда, Тилек: - Ата, баары бир мени ажалдан алып кала албайсыңар. Менин өтүнүчүмдү аткарсаңар гана мен ыраазымын, жашоом аз калганын билип эле турам, - дегенде апасы боздоп ийди: - Ошол деп кесели күчөдү, атасы, болбосо мынчалык кармабай калган… - Түшүндүм, уулум, эмне десең аткарайын, бирок өлүмдү ойлобо, адам деген жашоо үчүн умтулушу керек, сен али жашсың. - Ата, мени жаш баладай соороткон менен эч нерсе таппайсыз, мына беш жыл бою ооруканада, үйдө болуп тажадым. Денем тешилип бүттү. Мени айыктырса Калбүбүнүн эркиндикке чыгышы айыктырат, анткени карандай мен гана себепкермин, күнөөлүүмүн! - Жарайт, уулум, жакшылап дарылан. Кичине сакайсаң эле өзүң барып жолугуп кел, анан аракет кылабыз, - деген атасы ошондо. - Чынбы, ата? Сөз бер. Аны сыртка чыгаруу үчүн аракет кылсаң мен сөзсүз сакаям, бирок алдоо болбосун? - деп жаны кейип турса да жүзүнө жылмаю кирип, атасына үмүттүү караган эле… Ата-энесинин заманасы куурулуп, врач менен сүйлөшсө ал дагы: "Сөзсүз анын көңүлүн көтөрүп, айтканын аткарып, капа кылбагыла. Ошондо бир сакаят. Кичине капа болсо кармап, улам начарлап кетиши мүмкүн. Бул оору көп ойлонгондон күчөгөн" деди. Аргасыз макул болуп, алаксытууга өтүшкөн. Бирок жакшы боло албай дагы үч жыл өткөндө гана Калбүбүгө келип, аны менен сүйлөшүп, кийинкисинде кубанычтуу үйүнө келди: - Апа, кудай буйруса Калбүбү менен сүйлөшүп келдим, ал мени күнөөлөп сүйлөшпөй атып зорго сүйлөдү. Менин ооруганымды билбейт да, абалымды көрүп чоочуп кетти. Эгер ал айтканыма көнүп мени менен жашоого макул болсо, балаң сөзсүз сакаят, кадимкидей болуп кетем. - Ошентсең экен, каралдым. Аман болсоң эле болду, өзүң каалагандай болсун, - Эне уулунун жүзүнөн кубанычты көрүп, өзү да ичтен кубанып турду: "Дартың эле ошол кыз болсо гана, жашоо деген чийе байланган жиптей, бирде түйүлүп, бирде жазылып турат. Сен айыгып кетсең ошол келинди өз кызымдан ашык көрүп сыйлап алайын" деген ойдо болуп телмире калган. Эми өңү-түсү татынакай келинди көргөндө ичи жылып эле турду: "Түрмөдө канча жыл отургандай түрү көрүнбөйт, бечара уулум ушунун кесилип кетишине кандайча себеп болду экен?" деп келинди карап жакшы эле мамиле кылып атты. Үч-төрт күндөн кийин баары кетип, экөө калды. - Тилек, - деди Калбүбү, - неге мени кастарлап үстүмө үй даярдап, кашымда отурасың? - Эмне болду? - Тилектин жүрөгү зырп эле Калбүбүнү карады. - Деги да, адатта түрмөдө отуруп чыккан адамды киши катары санабайт ко? - Сен мен үчүн адамсың, Калбүбү. Мен сени сүйгөнмүн, сен деп зорго жүргөн жүрөктүн оорусу кармап өлүп кайра тирилдим, билсең. Калбүбү өңү түктөйө түшкөн Тилекти аяп үн катпай калды. Экөө жаш кезиндегидей эзилишип, эркелешип, жашоолору өтүп жатты. Калбүбү кээде Тилек уктап жатканда көкүрөгүнүн кадимкидей төшөктү түртүп жатканын көрүп зээни кейип алчу болду. Катуу жумушка жарабайт, үйгө кирип-чыгып, дары ичип өзүн таптап турат. Ата-энеси бат-бат келип кабар алып жүрдү. Кантсе да өзү басып, оорусу кармабай калганына көңүлдөрү тынып калды. Анткен менен так сакайып кетпегени белгилүү эле. Калбүбү үй-оокатына тың, таза кармап, Тилектин кийим-кечесин убакты жууп, өзүн жуундуруп жанынан чыкпайт. Эртеден кечке кыбырап жүргөнү жүргөн. Кээде Тилектин деми кыстыгып, жүрөгү сыртына тээп алдастап калганда укол сайып өзү эс алдырып койот. Бирок жөнөкөйдө да анын жүрөгү көкүрөгүн тээп турат. Калбүбү сарсанаа болуп ушунчалык ооруга чалдыкканын көрүп, тагдырына нааразы: "Мен неге бактысызмын? Тилектин оорусу өтүшүп бараткан тура, ка-ап, эми эмне болот? Көпкө чыдабайт, бир же эки жыл" деп ойлонуп анын тамырын кармай ойго батат. Кантсе да төрт жыл окуп акыркы курсунда кетип калган. Баарын билип эле турат. Сактап калууга мүмкүн эмес экенин да билет. Аргасыз анын көңүлүн көтөрүүгө далбастайт. Жеңил тамак жасап берет, аз-аздап тез-тез берип турат. Тилек кичине сакая баштагансып калды. Көп сүйлөбөйт, кээде гана Калбүбүнү кыса кучактап алып бактылуу жылмайып алат да: - Калбүбү, сен мага ыраазысыңбы? - деп көп сурачу болду. Андайда ал ага жадырай карап: - Абдан ыраазымын, сенин жаныңда ушунчалык бактылуумун, жаным. Акактай таза кезимде, аруу тилегибизди булгабай туруп үйлөнгөнүбүздө башкача болмок. Андан көрө өзүң нааразы эмессиңби мага? - деп сурап сүйлөтүп, алаксытканга аракет кылат. - Ошонун баарын мен кылдым, акыры минтип оорум күчөдү… - Тилек кайрадан мостойо жатып калды, - Мен сага ыраазымын, андан башка айтаарым жок! - Жаным менин, сакайып кетесиң, дартыңды кубалап салабыз. Анан биз дагы балалуу болобуз. - Алтыным десе, бала төрөп берчи мага, араң турган жүрөгүм жарылып кеткиче кубанайын. Мен ооруп калып, жоро-жолдоштордон алыстап кеттим, - Тилек демиге сүйлөдү, - Сенин көңүлүңдү көтөрүп эл ичине алып баралбадым, менин туулган күнүмдө досторду чакырып бир көңүл ачалы, ээ? - Кыйналып калып жүрбө. Азыр көңүл ачканды койо турчу, Тилек. Өзүң аман-эсен сакайып кетсең баары болот. - Жок, сөзсүз чакырабыз. Үч күндөн кийин апам келгенде… - Өзүң билчи, жаным. Кыйналбасаң эле болду, - Экөө көпкө чейин сүйлөшүп жатып, уйкуга киришти. Эртеси эрте турган Калбүбү көпкө күйөөсүн карап отурду, жуурканы өйдө-ылдый болуп төшүн тээп жүрөгүнүн согушу токтоп солгундай калып, кайра тездеп уктап жатат: "Байкушум ай, тагдыр бизди кошпогон бойдон тим койсо болмок. Баарына Айнура күнөөлүү. Ушак айтып бузуп, кайра өзүнө өзү ажал тилеп алды, тозокто күйгүр" деп жети-сегиз жыл мурун өз колунан өлгөн Айнурага жини келип алды. Анан сыртка чыкты, келгенине беш ай болсо да эжелери, агаларынын басып келип кабар албаганынан зээни кейип Тилектин оорукчан болуп калганына кайгырып ыйлап алды. Бир аздан кийин таттуулап кайнатма тамак жасады да Тилектин жанына отуруп анын ойгонушун күттү. Көптөн кийин ал ойгонуп келинчегинин өзүн карап отурганын көрүп: - Эмнеге эрте туруп алдың, уктай берсең болмок, - деди көздөрүн ушалап арык колдорун кере чиренип. - Эрте турган денсоолукка жакшы, бүгүндөн кийин сени эрте тургузуп паркка эс алдырып келем, күндө эртең менен аз-аздап басып, физзарядка жасасаң тез сакаят элең. - Ээ жаным, менин саналуу гана күндөрүм калганын, мен айтпасам да билесиң, көңүл көтөрүп жатканыңды түшүнүп эле турам. - Андай дебечи, сен сөзсүз айыгышың керек, жата берсең алсызданып, оорлошуп ооруй бересиң. - Ма-акул, сен айткандай эле болсун, - Тилек ордунан козголуп турууга аракеттенди эле Калбүбү өйдө кылып кийимин кийгизди. Анын денеси жупжумшак болуп арка сөөгү оркоюп турганына жүрөгү тыз этип акырын тургузду. Сыртка сүйөй чыгарып баратканда ал, - сен үйүңдү жыя бер, мен өзүм эле… - деп кылдырай жөнөдү. - Абайла, жыгылып кетип жүрбө! - Коркпо жаным, акыркы күнүмө чейин сени жанымда болсун деп атайын алдырдым, чиркин өмүр гүлдөй соолуп баратат го? - деп басып баратканда артынан карап турган Калбүбүнүн жан дүйнөсү сыздап көзүнө жаш тегерене өз ишине киришип кетти. Баары бир мите курттай жеген санаа. Төшөгүн жыйып, дасторкон алып келип жайды. Аңгыча кылдырай басып бетин жууп Тилек кирди эле колуна сүлгүнү карматты. Жай отуруп тамактана баштаганда Калбүбү жүрөгү айланып көзү караңгылай түштү. Эмне болуп кеткенине башы жетпей ойлонуп алды: "Эмне, мен дагы ооруп калдымбы?" Тилек тамагын муздатып бираз ичип, анан: - Какен, мени багам деп кыйналбадыңбы, капа болгон жоксуңбу? - деп сурап калды. - Эмнеге ушинтип сурайсың, сени өмүр бою карап жаныңда болууга даярмын. - Алтыным, өтүнүчүм, өмүрүм да сенсиң. - Ыраазымын жаным… андан көрө азыр салкын, жүрү бир аз басып келели. - Атасынын көрү, басса басып келели, баягы экөөбүз жолукчу жерге алып барчы! - Макул, - Калбүбү ордунан туруп кийимин которунуп, анан Тилектин спортивкасын кийгизип колтуктай сыртка чыкты. Улам эс алып, жай басып паркка келишти. Баягы отургучтар, бак ичинде эч нерседен бейкапар жаштар жүрүшөт. Аларды карап отурган Тилек ойлуу үн катты: - Какен, карасаң баары баягыдай, көкмөк болуп чөптөрдүн желге сеңселип турганын кара, экөөбүз гана башкабыз, мен оорулуу, сен санаалуу… - Ооба жашоо деген ошондой да, табийгат деле өзгөрүлмө болот, жазгы көктөм, күздө жалбырактар саргайып чөптөр куурайт, биз өтсөк бизден кийинкилер кайрадан жашыл көктөмдөй кулпунуп жаңырып турат. - Ырас эле, биз балалуу болсок ошолор ордубузду басат ээ? - Ананчы… - Баса, сенин боюңа болсо болот эле жаным, качан сүйүнөм? - Болот буйруса, уул төрөп берем, анан аны сен багасың, мен иштейм. - Багам, сөзсүз багам, баламды көрүп, үнүн угуп кетсем жакшы болот эле… - Кантесиң, андай сөздү айтпачы Тилек, жүрү отура берип жамбашың талыйт, бак ичинде басып анан үйгө кетели. - Кетсе кетели, - Тилек Калбүбүгө сүйөнө ордунан турду, - ырас көңүлүм ачылып калбадыбы. - Бүгүндөн кийин алыс бастырбайм, жакын жерге сейилдетем ээ? - Ошент жаным, таза аба деген жакшы тура, абдан сергий түштүм, - Экөө дагы бир аз бак аралап жүрүп анан үйүнө жөнөдү. Көптөн бери узак баспаганга алы кетип зорго жетип жатып калды. Арыдан бери тамагын жасап түшкү тамагын берип анан жаткыраары менен көшүлүп уйкуга кирди. Ошол күнү негедир Тилек узакка уктады. Жүрөгүнүн согушу баягыдай эле жуурканын өйдө, ылдый көтөрүп турат: "Чарчады окшойт, алсыз неме басканга кыйналды, эч нерсе болбойт, күндө басып таза абада болуп турса сакайып кетиши мүмкүн, бирок коркунуч жүрөгүндө" деп ойлонуп ишине киришти. Ошол кезде дагы жүрөгү айланып окшуй сыртка чыгып кусуп жатканда кайненеси келип калды: - Эмне болду, ооруп жатасыңбы? - Келиңиз… - Калбүбү кайненесин үйгө киргизип дасторкон жайып атканда кайра сурады: - Тилек жакшы элеби, ооруну баккан да оору болот балам, эми түбөлүгү эле түз болсо экен, өзүң ооруган жоксуңбу? - Жо-жок, жөн эле кускум келет, бүгүн эртең мененден бери ушинтип жатам. - Аа-аа кокуй, кош кат болуп калгансың го, мейли айланайын Тилегим балалуу болсо көңүлү тынып сакайып кетээр… - Эмне дейсиз, ошондо кусабы? - Калбүбү кайненесинен уялгандай кайра сурады. - Ооба балам, ошентет, кудай буйруса төрөп ал, - эне кубанычтуу кудуңдап алды: "уулумдун арзыган келинчеги эмеспи, бу да бирөөнүн баласы, төркүнүн чакырып сыйлап койбосок болбойт" деп ойлонду. Анан ички үйгө кирип уктап жаткан уулун көрүп жүрөгү тыз этип алды: "ботом арыктаганын карачы, төшөк менен төшөк болуп жатканын" деп жанына отуруп чекесинен сылай зээни кейип: "каралдым ай, ушул кеселден сакайып алсаң кана, алганың жакшы бүлө болчудай, эми этегинен айтып төрөп алса" деп ордунан туруп кайра келининин жанына келди. - Таза абага бастырып келгем, ошого чарчадыбы, көптөн бери уктап жатат. - Мейли кагылайын, таза аба жакшы, эмгегиң кайтып Тилегиң сакайып кетсе экен, эртең доктурга көрүнүп кел. - Макул апа, - Калбүбү кайненесине жылмая жооп берип чай куюп, алдына тамак койду. Көпкө отуруп анан Тилекти дагы бир көрүп коюп үйүнө кетти. Ал кеткенден кийин Калбүбү өзүнчө толкунданып алды: "Оо Кудай, мен эне боломбу, ыраазымын жараткан. Тилек укса да кубанат го, байкушум десе баламдын атасы, - кайра ойлонуп, - балким боюмда жоктур, адегенде врачка көрүнөйүнчү, аныгын билип, анан айтайын" деген ойго токтолду. Кеч күүгүмдө ойгонгон Тилек кара терге түшүп калыптыр. Жанында жаткан Калбүбү ал кыймылдаары менен тура калды. - Тилек, аябай уктадың го? - Укмуш, тим эле сергип, жеңилдеп калыптырмын. - Ошентсең экен, көп баскан жакшы да, - Калбүбү кайрадан кечкиге жасап койгон тамагын алдына койду. Андан кийин сыртка дагы алып чыгып көчөдө бир сааттай басып жүрүшүп үйгө киришти. - Жүрөгүмдүн согушу жайлап калды, аз да болсо айыгууга үмүт бар окшойт Какен, менин жүрөгүмдүн дабаасы өзүңсүң жаным! - Айыгып кетсе экен деп, күнү-түнү жаратканга жалынып олтурам, ойду тазалаш керек. Тилек, жаман ойду ойлобой жүр. - Ооба ошентейин, "үмүтсүз шайтан" дечү беле? - Тилек алсыз жылмайганда, жаак териси жука болуп бырыша түштү. Эртеси кайненеси Толкун эрте келди да Калбүбүнү доктурга жөнөтүп өзү Тилектин жанында калды. Врачтын кабылдоосунда болгон Калбүбү жүзү албыра кубанычтуу келди. - Эмне болду балам, врач эмне дейт? - Толкун көрөөрү менен сурады. - Эки айдан өтүп калыптыр, апа. - Айланайын кудай, аксарыбашыл айттым, Тилегиме уул төрөп берип көңүлүн ачып, оорусунан арачалап калсаң этегиңе жыгылайын, садага, - Ыйлап ийген эне идишке суу куюп келип келиндин башынан айланта алыс чачты да үйгө киргизди, - Тилек сүйүнчү, Калбүбү бизди неберелүү кыла турган болду! - Ыя, чын элеби?! - Тилек сүйүнгөндөн муундары калчылдай жүрөгү тез-тез согуп өңү кубарып кетти. Калбүбү коркуп кетип кармай калды: - Тилек, сага өтө кубанууга да, кайгырууга да болбойт, эс алчы! - деп башына бийиктеп жаздык коюп Толкун экөө шашып калды. - Муздак суудан ууртатчы, балам, - Тилектин маңдайынан сылап чачтарынан жыттай, - Токтоо болсоң балам, атаң экөөбүздүн караганыбыз сенсиң, эжелериң го бирөөнүн бүлөсү экен, өздөрү менен өздөрү, бизди бакчу, өлсөк сыйыбызды жасап көмчү сенсиң, - көз жашын сызылта сүйлөп жатты Толкун. - Денсоолугу таза бала төрөбөйт белең, мен деле кыйналып жатам, апа?! - Чырагым ай, мен сени оорукчан болуп төрөлсүн деп тилептирминби? Айла жок, Кудайдын кылганы, бизге боор ооруп сени кайтарып берсе болду… - Кечирчи апа, жан кыйналганда баарын ойлойт экенсиң… - Садагам десе, адам баарына бардаштуу болуш керек, атаң азыр келет, дагы доктурга текшертип лечение алып кой. - Апа, укол дарыдан көңүлүм калды, андан көрө эртеңден баштап физзарядка жасап таза абага басып өзүмдү алаксытайын. - Мейли, өзүң бил балам, Калбүбү менен кол кармашып оокатыңарды жасап очор-бачар болуп кетсеңер кудайга ыраазы элем, - Көпкө күңгүрөнүп отурганда Сабыр келди. Ал уулуна колун сунуп канчалык жүрөгүнөн санааркап турса да бакылдай жанына отурду. - Кандай уулум, акыбал жакшыбы? - Жакшы ата, бир аз жакшымын. - Азамат, жигит деген баарын көтөрүп салмактуу болуш керек, кандай оору болсо да ачык көңүл сакаюуга жардам берет. - Аракет кылып жатам ата, колумдан келсе жүгүрүп эле кетким келип турат, ал жок. - Кайраттуу бол балам, бир гана алла ырайым болсун, эки эжең кечээ үйгө телефон чалышты, келип көрүп кетебиз дейт, бир табып бар экен, ошону ала келмек болду. - Табыпка көрүнө элекмин, чын эле эми тийип, жүрөгүм айыгып кетсе. - Айыгат балам, өткөн балалыгыңдын катасы өзүңдү төшөккө жыкты, эми баары жакшы болот, мына Калбүбү маңдайыңда. Сабыр улутуна сүйлөдү. Калбүбү жыла сыртка чыгып кетти. Ошондо Толкун күйөөсүнө шыбырай калды. - Тынч эми, өткөндү эмне кыласың? Келиниң кош бойлуу экен, эки айдан өтүптүр, бир туугандарын чакырып сыйлап койбосок жетим баладай болуп чүнчүп кетпесин. - Болсун, байбиче, болсун, буйруса неберелүү болот экенбиз да? - Тилекти карады. - Уулум, куттуктайм! - Ыраxмат, ата, - Тилек күлүп койду. Булардын сөзүн сырткы бөлмөдөн угуп турган Калбүбү сүйүнүп жатты: "бир туугандарымды көрүүгө зар болдум эле, чакырса келишээр бекен же дагы эле кечире элекпи?" деген жүрөксүү турду оюнда. Көпкө бабырашып отуруп Сабыр менен Толкун кетишти. Экөө ээн калганда келечек жөнүндө кобурашып атып, Тилек: - Какен, сен көп жумуш жасабай сак боло көр, мага денсоолугу таза бала төрөп берчи, кыйналбагыдай бол! - деп калды. - Койчу Тилек, эмнеге кыйналмак элем, экөөбүздүн ичкен тамагыбыз, кирибизден башка кыйын иш деле жок го? - Ошентсе деле этият болсоң, кокус ары карап кетсем артымда туяк калсын, дени таза, акылдуу, өмүрү узун болсун. - Андай дебечи Тилек, жакшы ой ойлонуп жүр дебедим беле? - Кечирип кой жаным, оору кишинин оюна ар кайсы келет экен, жаным кыйналганда тезирээк эле кетчү жагыма кетсем экен деп ойлойм… - Сен бир жаныңды ойлобо, эми үчөөбүз болобуз, мени "сакаям" деп кашыңа алып отурасыңбы же? - Ананчы, жанымда болушуңду кандай гана самабадым, эсиме келе албай жатып сенин атыңды кайталай берипмин, ошон үчүн атам айтканымды аткарды да. Ошондон бир жума өтүп-өтпөй Тилектин эки эжеси күйөөлөрү менен кошо көзү ачык келинди алып келишти. Чогуу конок болуп келгендин эртеси ал Тилекти көрдү. Тамырын кармап көрүп башын чайкап көпкө отурду да: - Катуу чоочуп ойлонгондо жүрөк кабынан чыга жаздаган, акырындык менен жакшылап дарыланса сырткы чел кабынын жарасы айыгып ошондо гана жүрөк ордуна келет, тынчтык, эс алуу, таза аба керек, - деди ал, - Колдон келсе таза абада көбүрөөк болсун, мен чөптөн дары жасап берем, ошону маал-маалында ичсе жакшы болуп кетет. - Оозуңа май айланайын, сакайып эле кетсе болду… - Толкун ыраазылыгын билдирип алкай кетти, - Бала чагында катуу коркуп калган тура. - Катуу үн чыгарбай, чоочутпай, көңүлүн оорутпай карасаңар сакайып кетет. Алар чогуу эки күндөй жүрүп эми кетмек болгондо эшигинин алдына чоочун машина токтоп калды. Сабыр чыга калганда машинадан түшкөн улгайыңкы салабаттуу адам салам айтып утурлай басты: - Ас-салоому алейкум. - Ал-леки салам. - Сабыр дегендин үйүн издеп жүрдүк эле… - Аа-аа, жаңылган жоксуңар, киргиле үйгө, - Сабыр шаша үй жакка үн салды. - Ээ кемпир, кудалар келди! Бул сөздү уккан Калбүбүнүн жүрөгү лакылдап кетти: "О Кудай, келишкен экен да, деги кимиси келди экен" деп үйдөн чыга албай туруп калды. Ал салабаттуу адам Макулбек эле, кат барганда ага-эжелери чогулуп алып ары тур, бери тур болушуп: "Эмне болсо ошол болсун, ата-энебиз жалгыз Калбүбүнүн айынан азап жеп өтүп кетти, өлгөн кыздын бири" деп калышканда Сопубектикине барган Макулбек инисин, карындаштарын урушуп-тилдеп, өзү баш болуп келген болчу. Сабыр кудаларды киргизип коюп, өздөрү конок камын көрүүгө киришти. Бир күйөө баласын базарга, бирин союшка жөнөтүп коюп дасторкон жайып, чай куюп отурганда эжеси: - Кудагый, сиңдим менен күйөө балага учурашалы, - деди. - Ооба-ооба, учурашпай анан, - Толкун ашканада отурган Калбүбүнү, төркү өз бөлмөсүндө жаткан Тилекти ээрчитип кирди. Тилек аларга ызаат көрсөтө жүгүнгөндө улуу эжеси Урматкан туруп келип, Тилекти бетинен өөп көрүндүк сунуп Калбүбүнү кучактап ыйлап жиберди. Экинчи эжеси да туруп келип салт боюнча күйөө балага ырымы кылып анан сиңдисине өттү. Агалары да учурашып, жай чай ичип отуруп Урматкан Тилектин түрүнөн чоочуп отурду: "Капырай оорукчан окшойт, мынча неге өңү жок, кесели күч го?" Бул учурда келген кудалардын баары ошону ойлоп калышты. Сыртынан сыр алдырбай отурушканда Сабыр сөз баштады: - Уулум бир аз ооруп жүрөт, эми үмүтүбүз чоң, кудай буйруса сакайып кетет… - деп болгонун болгондой кылып айтып бергенде тигилер таң калышты: "Калбүбүдө күнөө жок экен, өзүн коргогон тура байкуш, эми күйөөсү айыгып кеткидей эле" деген ой ар биринде турду. Аңгыча союлчу мал келип бата кылып болгондон кийин кайрадан дасторконго келишти. Сабыр аялы экөө тең ичкилик иччү эмес, ичкилик коюлбады. Сый кудалардын көңүлдөрүнө жагып, алар эртеси түш оой жөнөп кетишти. Куда наркын кылып акчалай он миң сом коюп, кешикти мол салып, кийит кийгизип узатып коюшту. Калбүбү жеңилдене түштү: "Келгени жакшы болду, жетим кыздай болбой жүзүм жарык, мындан ары катышып турам" деген кубанычы жүрөк тушунан үн салгандай өзү селт этип алды. Көрсө сыртына чыгара сүйлөп алганын билбей калган экен. Сабыр менен Толкун келинине, төркүндөрүнүн түшүнүктүү жакшы адамдар экенине ыраазы болуп калышты. Эжелери алып келген кыз-күйөөнүн кийими. Адеми кийимдери Сабыр менен Толкунга да жакты. Көрбөй-билбей туруп кийит алып келгени нарктуу экенинен кабар берип турбайбы. Ызаат сый көрүп келгендерине алар курсант болгону Тилектин кесел экени арсар ойдо калтырды аларды: "Ушунча азап тартканына жараша аман болуп жетелешип жүрө беришсин" деген тилекте болуп калышты. Убакыт өткөн сайын Калбүбүнүн ичи чоңойо баштап, Тилек ага кубанып негедир көңүлү көтөрүлүп калганга оңоло баштагансып баратты. Аны күндө сейил бакка алып барып эки-үч сааттан отуруп, ары-бери басып келишет. Калбүбү аны эртең эрте менен эрте тамырын кармап, чөптөн жасалган дарыдан убактысы менен ичирип, сүткө жасалган тамак берип жүрдү. Бирок арыктыгы ошол эле бойдон, бир-эки жолу физзарядка жасайм деп энтигип жасай албады. Болгону сейилдеп басып келип атты. Анын оңоло албай турганын сезген Калбүбү ичтен сызат. Күндөн-күнгө оорлошуп, Тилекти караганга кыйын болуп калганда Толкун өзү келип карап калды. Калбүбүнүн буттары шишип тамырлары көөп, врачтар аны ооруканага жат дегенде ал болбоду. Акыры өтө кыйналып кан басымы көтөрүлгөндө тез жардам менен барып жатып калды. Кийинки кездерде Тилек көп сүйлөбөй көзүн жумуп жата берчү болгон. - Апа, - деди бир күнү ал, - Калбүбү качан төрөйт? - Ушул айда көз жарат балам, жакшы болуп кетсең, балалуу болуп бапырап каласыңар. - Оо апаке, мен жакшы боло албай калдым го, андан көрө жаш козунун этин жегим келип жатат, жаш шорпо ичким келет, мага диетаңардын кереги жок! - Кой балам, антпе, - Толкун башка сөз айтууга жарабай, ыйдан күчүн чыгарып кирди, - кагылайын ай өзүңдү кармачы, сенсиз биз не күндү көрмөкпүз? - Ошол кезде Сабыр кирип келди. - Сага эмне болду? - аялынын ыйлап жатканын көрүп чоочуп кетти. - Жөн эле, Тилегимдин абалын көрүп кантип ыйлабайм, өйдө болоор күнү барбы деги? - Ого бетер баланы чөктүрүп бышактай берсең болбойт, келин төрөп келгиче экөөбүз биерде бололу, кыздарды чакырталы, - ары карап көзүн жумуп жаткан уулун карады, - дарыдан ичип атасыңбы уулум? - Ичкенде-ичпегенде не ата, пайдасы жок, жардам бербейт экен. Андан көрө кудайдын салганын күтүп жата бергеним оң! Андай болбойт уулум… - Атасы аргасыз сүйлөгөн менен баарын түшүнүп эле турган. Колдон келбеген ооруга даба кылалбай каңырыгы түтөп кетти. Колдорун кармалап жүрөгү эзилип, ичтен түтөп эч нерсе дей албады. - Сабыр, жаш козу сатып келчи, Тилек жаңы шорпо ичем дейт. - Мейли алып келейин, жаңы шорпо ичсе ичсин, балким күчтүүлөп ичсе оңолуп кетээр… - Ошент, тур эртерээк, кыздарды да чакырт, биерде болуп Тилекти карашсын. - Ооба чакыртайын, - Сабыр ордунан туруп эшикке чыкты. Толкун чөптөн демдеп суутуп берип, артынан тамак ичирди. Негедир эки-үч күндөн бери Тилек туруп сыртка баспай калды. Тамагын ичкенден кийин киймин кийгизип сыртка алып чыкмак болду. - Жүрө гой каралдым, таза абага отурчу, эшик салкын болуп турат. - Мейли, - деген Тилек апасына сүйөнө сыртка жөнөдү, анын жөлөнүп араң басканын көргөн эненин каңырыгы түтөй көзүнүн жашы үнсүз куюлуп кетти, жүрөгүнүн кагышы тездеп кыйналып турган уулунун жакшы болуп кетээринен үмүтү үзүлгөн. Аргасы жок кырчындай уулунун соолуган чырпыктай куурап баратканына аргасыз, даба болоор табылбаганга кейип сыртка даярдап койгон отургучка отургузду. Ошол жерге кадам шилтеп жетиш ага кыйын болду. Демигип көөдөнү төшүн тээп чыга каччудай дүк-дүк этип угулуп турду. Эне үнсүз жанында отура берди. - Апа, Калбүбүгө барып келчи, мен барсам деле болмок, бирок ал жок, бирдеме алып барып кел. - Атаң келсин балам, козуну сойо салса дароо тамак жасай коюп ала барайын. - Кеч болуп калат го, шаардагы эжесине айтып койсоңор аны томсортпой, жанындагыларга киши келип ага келбесе жол карайт го? - Макул айланайын, бу коңшунун телефонунан чалып койойун, сен тура тур. - Толкун шыпылдай басып короодон чыгып кетти да тез эле кайра келди, - Айтып койдум, азыр барам деди. - Жакшы болду. Апа, Калбүбү эркек төрөсө экен ээ? - Тилек апасын жылмая карады. - Эми кудайдын буйругу балам, кыз болобу, уул болобу - акжолтой болсо болду. - Апа… - Тилек апасын ойлуу бир топко карап туруп, - Апа, мен ушу төрөлгөн баламды көрөөр бекенмин?! - Ок, антчү эмес, мына каргадай болуп жанымда отурасың, баланын кубанычы ого бетер сени сакайтат балам, өзүң жалгызсың, айыгып кетейин деп тилесең боло? - Аа-ай, кайдан апа, күндөн-күнгө ал кетип баратат, шайым жок, эмнеси болсо да мага ыраазы болгула апа, акыл эсим барда айтайын, менден балалык болуп күнөө кетсе кечиргиле, Калбүбүнү баласы менен ушул үйгө коюп карап тургула! - Жер тиктеген калыбында сүйлөгөн уулун жалдырай караган эне үнсүз жашын төгүп, тиштене отура берди. Жамбашы талып кетти белем, бир кезде ордунан таяна турууга аракет кылды эле Толкун апа сүйөй калды: - Үйгө, киресиңби? - Жоок, бир аз ары-бери басайынчы, - Өзүн кармай боюн токтото апасынын колун ары түртүп өзүнчө баскысы келди бейм, бут шилтеп дарбаза жакка жөнөдү. Зорго кадам таштап бараткан уулунун караанын көрүп ого бетер боздоп турду эне, ичинен кан өтүп. Ары барып кайра бери бурулуп басып жүрдү бир аз, кайра келип отура кетти. Ошол учурда күйөө баласына козу жетелетип Сабыр кирип келди. - Оо кандай Тилек, акыбал жакшыбы? - Жездеси аны бетинен сүйө учурашты. - Жакшы жезде, балдар чоңоюп жатабы? - Тилек араң зорго жооп берди. - Баары жакшы, качан Тилек таекем келет дешип сурап атат, бир барып келсең боло? - Барам, жакында барам го? - Тилек жылмаюуга аракет кылды, өңү кубарып кетти, - Сөзсүз барам! - Ошентчи, тез эле сакайып барып турсаң, - күйөө баласы менен уулунун сөзүн угуп Сабыр тегерене басып кетти. Аттиң, көз көрүнөө жалгыз баласын колдон жулуп кетчү кез жакындап калганын сезгендей токтоолук кыла албай Сабыр да көргөзбөй ыйлап басылды да: - Кел Сагын, козуну сойо койолу, эрте жарыкта, - деп башка сөзгө бурду, - Толкун, бычак алып чык, чара-параңды да даярдап кел! - Азыр… - Толкун үйгө кирип керектүүлөрүн алып чыгып келатканда Тилек таянып туруп ичкери кирмек болду, - Койо тур балам, мен киргизейин, - шашып колундагысын койо коюп сүйөй калды. - Ай апа-аа, өзүм басып күч кубатымды ченеп көрөйүн дебедим беле? - Саал жылмайып койду ал. - Мейли каралдым, мен акмалап турайын, сен акырын бас, - Эне уулунун жанында басып жыгылып кетпесин дегендей болуп атты. Тилек эптеп бутун шилтеп тепкичке келгенде өйдө болушу кыйын болду. Аны Толкун алып кирди: "Болду, - деди Тилек оюнда, - кайран өмүр өтөт тура, кырчынында соолуп баратам, куурап баратам, уулдуу болсом ордумду басаар, мен өлбөйм" деп төшөккө сулк жатып калды. Козуну арыдан бери союп ченеп асып тамак жасап, Тилекти тургузуп эттен, шорподон берди. Бир чыны шорпо ичкенден кийин алка-шалка терге түшүп кайрадан жатып алды. Толкун тамак-ашын көтөрүп алып Калбүбүгө жөнөдү. Ал толготуп кыйналып жатып Тилекти ойлоп: "Кыз болуп калса эмне болот? Тилек эркек болсо деп жүрөт, кыз болсо ого бетер чөгөт го?" деп сарсанаа болуп жатканда Толкун келди. Калбүбү үч күн толготуп акыры уул төрөдү. Тилек жаңы шорподон аз-аздан ичип, кичине кубаттана түшкөндөй болду. Бирок дени соо адамдай гүл көтөрүп төрөтканага бара албаганына ичтен сызып: "балалуу болдум, мен эми өлбөйм, ордумду басаарым бар, ыраазымын жараткан, тилегимди бергениңе" деп кубанып атты. Сабыр менен Толкун андан бетер Калбүбүгө ыраазы болуп: "уулубузду кубанычка бөлөп уул таап берди" дешип гүл көтөрүп барып, төрөтканадан чыгарып келишти. Тилек улам эч нерседен капарсыз уйкуда жаткан наристени карап жүзүнөн сүйүп койот: "Эми өлсөм арман жок" деп ойлоп көңүлү тына түшкөн менен анын чукуранып карап: "күлүп, сүйлөп басканын көрсөм кана" дечү болду. Калбүбү тыңып калганда Тилек ордунан тура албай калды. Өтө кыйыны эми гана башталгандай, туралбай жаткан ооруну багуу оңойбу. Кечинде чечиндирип төшөккө жаткырып кайра эртең менен турганда кийим кийгизип, колунун каруусу чыны кармаганга келбей тамакты өзү ичирет. Эртели кеч тозуп заара ушатышы андан бетер кыйын. Калбүбү түн уйкусун бөлүп, бирде күйөөсүн карап, кайра бала караганга өтө кыйналып кетти. Агасы, эжелери, иниси болуп кээде топурап келип-кетип турат. Алар күйөө баласынын ал-акыбалын көргөндөн кийин чоочуп Калбүбүгө боору ооруп калды. Бирок ар бир адамдын өз түйшүгү бар эмеспи. Келип-кетип көңүл алганы болбосо пайдасы жок. Тилектин денсоолугу бара-бара начарлап калганын көрүп турган Калбүбү зээни кейип кээде эшиктин алдында отуруп ыйлап да кайра өзүнө-өзү кайрат берип алат: "Кечээги түрмөдө өткөргөн күнүм менен бүгүнкү күнүмдүн айрымасы - балалуу болдум, өзүм сүйгөн адамдын жанында аз да болсо жашадым, демек бактылуумун, тагдыр мага өзүм сүйгөн жарга кошту" деп ойлогондо эс ала түшөт. - Какен, - деди бир күнү Тилек эртең менен эрте ойгонуп, - Менин силерден бөлүнөөрүмө аз калды көрүнөт, аттиң ушу уулумдун талпынып күлгөнүн көрүп ырахатка батсам кандай сонун болот эле? - Жокту айтпасаң Тилек, уулуң атасыз болбой эркелеп экөөбүздүн маңдайыбызда аман болсун, сен да аман болчу. - Сен врачсың Калбүбү, көп нерсени билесиң, түшүнүп эле турасың, менин абалымды сезип эле, туюп эле турган менен көңүлүмдү улап атпайсыңбы? - Тилек, адам үмүт менен жашайт, үмүтүңдү үзбөй, жашоого аракет кылсаң боло? - Жо-ок Какен, өзүмдү да, силерди да алдаганда эмне, менин өмүрүм аз калды, кубат жок, кыймылдаарга шай жок сага жүк болдум, мага ыраазы бол! - Ыраазымын Тилек, болбосо азыр түрмөдө жүрмөкмүн, сен мени эне кылдың, бактылуумун жаным, сени айыктырып алсам дегенде эки көзүм төрт. - Келе уулумду колума берчи, кумарлана жыттап алайын! Өз өлүмүңдү күтүү оор экен: качан, кайсы күнү кайран карек соолуп, жаным чыгаар экен деп күтүп жатып тажадым, же сакайып кете албадым… - Тилек алсыз гана үн чыгарып уулун колуна кармайын дегенде каруусу жок - Калбүбү алдына коюп берди. Эңкейип шор-шор жыттап көздөрүнөн жашы куюлуп кетти, - Эми өлсөм да арманым жок Какен, мен эми өлбөйм! - муңканып кетти. Калбүбү да жанында ыйлап отурган: "Аз калды, сактап кала албадык, бактым кыска экен, баламдын өмүрү узун болсо ушуну кубат кылып жашайм", деп ойлонуп отурганда Сабыр менен Толкун эки эжеси, күйөөлөрү менен келип калышты. Кирип келип эле Тилекти кучактап эжелери да ыйлап ийди. - Баягы боюнча докторго алып барбадыңарбы? - деди улуусу. - Барганда эмне эже, мен бүтпөдүмбү, мен айыкпайм, менин өмүрүм аз калды, кереги жок, укол-дарыны көргүм келбейт, - Тилек баланы ары-берип жатып алды. - Антпе садага, эми алып барып жаткыралы, эгер операция кылабыз десе да макулбуз, сен эле аман сакайып кетсең болду, биз акча чогултуп келдик. - Мага өлүм сатып бергениби? - Тилек алсыз үн катты. - Ок, ошентип да айтабы? - Толкун уулунун бетинен өөп чачтарын сылап отуруп айтты, - Жок балам, сен айыгасың, мына эжелериң да алып келиптир, биз бүт сарптасак да сени дарылатабыз, сенден эчтеке аябай калалы. - Азыр мен операцияны көтөрө албайм апа, куру бекер убаранын кереги эмне? - ушул учурда көкүрөгүн солк эттире жүрөгү булкуп алып көпкө үнсүз жатып калды, баары чуркурай түштү. Сабыр үстүнө түшө калып бакырып ийди. Көптө барып көзүн ачып, Калбүбү баласын жаткыра коюп жанында турган, ал үнсүз гана ыйлап отурду. Башына жаздыкты бийик коюп тегеректеп калышты. Ошондон баштап Тилек сүйлөбөй калды. Жүрөгүнүн согушу үстүндөгү төшөктү көтөрүп солк-солк деп улам токтой калып кайра тебет. Сабыр врач-кардиологду алып келди. Ал келип укол сайып жатканда Тилек ата-энесин аянычтуу бир карап алды. Сүйлөгөнгө алы жок жалдырап жата берди. Сабыр врачтан: - Ооруканага жаткырсак кандай болот, операция жасаса болобу? - Аксакал, азыр наркоз көтөрө албайт, анан да операция жасоого кеч болуп калган, бул баланы он сегиз жашында операция кылганда болмок. - Ал кезде жакшынакай эле окуп жүргөн да, кичинекейинде бир врач жүрөгүндө бар экен деп айтты эле, бирок ооруган эмес, кармаганын билбей калдык да. - Кыргыздар качан төшөккө башы тийип жаны кыйналганда гана далбастап калат, ошону алдын алууну билбейт. - Жок дегенде бир көрсөңөр… - Сабыр каңырыгы түтөй врачты карады, - Жалгыз уулум… - Күндө бир келип укол сайып турам, анан главврач менен сүйлөшүп көрөйүн. - Ошентчи балам, ушунум айыгып кетсе болду эле, эчтекемди аябайм, аракет кылып көрчү?! - Кеңешип келейин, Америкадан бир профессорду чакыртып көрөлү. - Тезирээк кеңеш, убакытты өткөрбөйлү, - врачты жөнөтүп ийип үйгө кирди. Тилектин көзү жумулуу жатканын көрүп анын денесинин оркоюп турган ийинин, бет сөөгүн, дем алып жатканын көрүп каңырыгы түтөп жанына отурду. Көздөрү ары кирип бир башкача болуп өлүмдөн кабар бергенсийт: "Кудай буйруса америкалык профессорду чакырып келсе, уулум аман калса" деп ойлонуп жатты. Тилекти тегеректеп отуруп бири да сүйлөй албай телмирип отура беришти. Чынында баарынын үмүттөрү үзүлүп калган. Врачтын айтканын Сабыр эч кимисине айткан жок. Кечке маал Тилек кыймылга келип: - Үстүмдөгү төшөгүңөр да оор болуп атат, алып койгулачы, - деп шыбырады. - Уулум кардың ачты го, бирдеме ичип алчы, - Сабыр эңкейе калып бетинен өөп сурады. - Жүрөккө барбайт… - Азыраак бирдеме иччи, жок дегенде чай ич, кайнаткан чөп бар, ошондон берейинби? - Толкун анын жүзүнө эңиле калып сурады. Тилек башын чайкап гана койду. Анын сүлдөрү эле калган. Калбүбү баласын кайненесине берип өз ишине киришти. Келген коноктору чай иче элек. Дароо тамак жасай баштады. Сабыр аялына карап: - Биерге үйүлбөй ээн койгулачы, баарыбыз тегеректеп алсак оорукчан неменин көңүлү азып кеттиби, сыртка чыгып отургула, - деди эле эки эжеси, күйөөлөрү менен оозгу үйгө чыгышты. Түн бир оокумга чейин тамактанып ар кайсыны кобурашып атып кеч жатышты. Калбүбү кеч жатып акырын ойготту Тилекти, ал кезде ачып бир жак жамбашына которулууга аракеттенди эле козголо албады, Калбүбү тура калып которуп жаткызды да ага минтти: - Тилек, чай иччи, же сүттөн кымыран кылып берейинби? - Жок, - Тилек көшүлүп кайрадан уктап кетти. Негедир ал көп уктачу эмес, үч төрт күндөн бери тынч уктап калды. Анын жүзүнө ойлуу тигилип турган Калбүбү жүрөгү тыз этип алды. "Бүгүн эч нерсе ичкен жок, алы начар, кантер экен, тигилер чогулуп келгенге ого бетер ойлонуп кетти окшойт" деп ойлоп кыңкайып жатып калды. Ушул учурда бала чукуранып ыйлап аны которгонго ордунан туруп: - Эрмегим менин, ырысым, курсагың ачтыбы? - деп кобуранып жалаягын которуп анын эмизе баштады. Баланын үнүн угуп Тилек алсыз унчукту: - Какен, ыйлатпачы баланы. - Эмизип атам, сийип койгонго ыйлаптыр. - Жаныма жаткызып койчу. - Мейли. Бирдеме ичип алсаң боло? - Кайнак сууң болсо берчи, каным катып кетти. - Азыр, - Калбүбү ордунан туруп ашканадан суу алып келип башын жөлөп ичирди, - Суу кубат болбойт да жаңы шорподон куюп келейинби? - Ичпейм, эчтеке барбай атат, - Кайра жатып алды. Калбүбү баласын ортого жаткырып өзү четке жатып калганда Тилек баланы кучактай тумшугуна жакындап жатып алды. Түнү менен ошентип жатса да бала атасы экенин сезгендей былк этпей уктап жатты. Эртең менен эрте туруп уулунун абалын билгени баш баккан Сабыр аны көрүп зээни кейип алды, бир айлык наристе быйпыйып эч нерсе менен иши жок уктап жатканына ичи жылыды. Бул убакта Калбүбү сыртка чыгып кеткен: "Тынч уктап жатыптыр, тим коеюн, ойгонсун", деп кайра чыкты Сабыр. Ошол күнү негедир сергек ойгонду Тилек. Калбүбү аны өйдө кылып артына жөлөп отургузуп бети колун жуудурду. Анан жупка менен сүткө чылап чыныга берди. Эс алып ичип жарымын калтырып койду. Эже-жезделери эрте туруп анын ал-жайын сурап анан бир жакка кеткендей болду. Жүрөгүнүн согушу жайлап, дем алуусу оңоло түшүптүр. Апасы аны көрүп: "каралдым ай, дурус болуп калганбы же боюн түзөп жатабы?" деген күдүк ойдо санаасы санга бөлүнүп атты. Түшкө жетпей бир жездеси молдону ээрчитип жетип келди: - Кыл тамырчы экен, көргөзүп коелу. - Болуптур балам, эми жүрүп себеп болуп кетсе ажеп эмес, -Толкун Тилек отурган бөлмөгө ээрчитип кирди. Аларды көргөн Тилек: "Илими жетишкен врачтардын алы жетпеген ооруга ушу кишинин алы жетмек беле, ушулардыкы өттү, Тим эле коюшпайбы" деп ойлоп жактыра бербей тамырын кармамак болгон адамга колун сунду. Ал оң жагын бир, сол жагын бир кармап көпкө отурду да, анан: - Баланы кыйнап койгон экенсиңер, эми да болсо кеч эмес, мен дары даярдап берем, - деди да сыртка чыгып, - Силер келте жылаан таап аны чөөгүнгө кайнатып, ошону адегенде эки тамчы гана бергиле, анткени алы жок, көтөрө албайт, экинчи күнү төрт тамчы берип, беш күн болгондо чоң кашык ичиргиле. Аны берээр алдында тойгузуп анан бергиле, - деди. - Өзүң келип тур, айланайын, - деди Толкун дал ошол молдонун колунда уулунун тагдыры тургандай. - Сөзсүз, ошону ичкенден экинчи күнү кандай болуп калганын билип турам, качан чыны менен ичүүгө жеткенде гана каксыз айыгып кетет, убакыт өткөрбөй тездеткиле, - деди да эч нерсеге карабай жөнөп кетти. Сабыр шаша жөнөп чыгып кетти да кечке маал келте жылаанды бөтөлкөгө салып жетип келди. Эки жездеси да издеп кетишкен, алар катырылганын алып келишти. Толкун аны дароо чөөгүнгө куюп салып суу куюп отко койду. Беш саат бою кайнаган жылаандын шорпосу чыныга гана толду. Чай кашыкка тамчы куюп: - Ушуну ичип жибер балам, улукман акемин дарысы болуп, дартка даба, илдетке шыпаа болуп кетсин, - Толкун кашыкты оозуна алып барды эле Тилек: "Эмне болсо ошол болсун, сактангыдай эмнем калды" деген ойдо ууртап жиберди. Күндөр кубалашып суз өтүп жатты, бул үйдө кандайдыр бир кайгыны күткөндөй бир нерседен чоочулай бир-бирине кулак түрүп аста кирип чыгып жүрүшөт. Жашоо токтоп калгандай Тилекти гана тиктеп, улам уктап жатса тыңшай калышат. Үчүнчү күнү молдо келип тамырын кармап көрүп: - Жакшы, бүгүн бир кашык бергиле, көтөрө алат, эртең эки кашык ичсе дагы үч күндөн кийин келем, - деди. - Оо жараткан, ылайым жамандык көрбө балам, дарыңан уулумдун дарты айыгып кетсин, эмиң тийсин, - Эне алкап дагы узатты. Бир кашык ичкен күнү кыймылдабай уктады. Баягы сыртына тепкен жүрөгүнүн кагышы жайлап чылпылдап тердей берди. Улам кийимин алмаштырып кайра жууп жаят Калбүбү, тердегенде алсыз неме чыйрыгып кетчү болду. Ошентип жылаандын шорпосун ичкенден бери ичи жалаңдап карды ачканын билип, берген тамакты ичип алат. Көп эмес аздан ичет. Ушуга каниет кылып анын тамак ичкенине ыраазы. Күндөн күнгө аздап оңоло баштады. Уулуна жылмая карап кээде Калбүбү алдына көтөрүп келип өптүрүп койсо жыттап алып анан жатып калат. Эжелери үй-жайын таштап туура бир ай жүрүштү. Качан гана Тилек ордунан туруп калганда кетишти. Молдо андан кийин дагы эки-үч жолу келип тамырын көрүп: - Эми эс алсын, күчтүүлөп тамак бергиле, жети күн эс алып кайра кашыктап баштагыла, андан кийин дагы эс алдырып бересиңер, анан жакшы болуп калат, баары артта калды, - деди. Тилек молдону көргөндө мурункудай жаман ойдо болбой калды. Аны көргөндө баш ийкеп учурашып калат. - Апа, жүрөгүм баягыдай дүкүлдөбөй калды, эмне деген дары бердиңер? - деди бир күнү. - Ээ балам, айыгаар оорунун дабаасы өзү табылат деген чын экен, эмне экенин кайдан билем, молдо берип атат, ошону кайнатып берип атабыз, улукман акемин дарысы.. . - Толкун жылаандын шорпосун бергенин айткысы келбеди. Жийиркенип ичпей коебу деген ойдо. Тилек бара-бара сакайып баратты. Өткөн азаптуу күндөрүн эстеп: "Кудай бору ооруду окшойт, балам акжолтой болду, ушунум төрөлгөндө айыктым, тобо-оо илими жетишкен доктурлар айыктыра алган жок эле, денемди тешип берген уколунан жардам болгон жок" деп ойлонот. Али кубатына кире элек, бирок жакшы болуп калды. Кылдырап сыртка чыгып өзү эки жакты карап, таза абага басып көпкө жүрөт. Калбүбү саксактап күн бүркөлсө жылуу кийгизип, ысып кетсе чечинтип карап турат. Ал дагы сары убайым тартып арыктап кеткен, эми Тилектин сакая баштаганына ичинен кубанып калды. Ата-энесинин кубанычында чек жок. Бир күнү баягы врач жигит келип Тилекти көрүп таң калды. Сабыр менен сүйлөшүп отуруп баарын укту. Ошондо ал али болсо да медицина алсыз экенин түшүндү: "ушул жигит адам болбой калды дебедик беле, эми кара айыгып калганын, ажал жетпесе ушул тура" деп ойлонуп бир чети уялып да алды. Сабыр менен Толкун Тилек жакшы болуп калганда үйлөрүнө кетти, бирок күндө эртең менен келип турушат. Небереси күлүшүп калганда Толкун алып отуруп элжиреп эркелетип отурду. - Айланайын кубатым, ак жолтоюм, атасынын эрмеги, - деп улам жыттагылап коет. - Келе кемпир, уулумду мага берчи, көтөрүп турайын, дегеле колуңа алсаң бербейсиң да, - Сабыр небересин көздөй колун сунду. - Барбайт сага, кана чакырчы. - Кел уулум, келе гой! - Наристе чоң атасын карап бейкапар култ эте күлүп чоң энесинин төшүнө башын катты. - Мына көрдүңбү, барбайм деп атат, - Небересин талаша чоң ата, чоң эне ырахатка бата күлүп калышты. Калбүбүнү: "Эс алып ал, балам" деп өзү небересин көтөрүп эрмектешет. - Үй түйшүгү да бир топ, олжоң болуп Тилегиң сакайып алса, баланы экөөбүз баксак, экөөң өз ишиңерге киришесиңер өзүңөр менен өзүңөр болсоңор экен. - Оой бул жаманды жерге койбой багабыз, атасы аман сакайып уулум бактылуу экен, Калбүбүм кагылайын акжолтой келин болдуң, ырысың бар экен, - Сабыр чын дилинен келинине ыраазы боло сүйлөдү. - Атасы, эртең бир улак алып кел, түлөө өткөрөлү, уулума өпкөсүн чаап элге таратып ийели. Эчтекесин калтырбай сал! - Болуптур кемпир, мен да ойлоп аттым эле, - деп кеңешип кечке маал кетишти. Тилек күчүнө кире элек, бирок мурункудан оңолуп өңүнө кирип калган. Тагдыр деген ушунчалык татаал да, табышмак да эмеспи, Тилек көр оозунан кайтты. Алардын санаасы тынып калды. Бир ай дегенде кайрадан көрсөтпөй кайнатып дагы берди. Бир жума кашык менен ичип, акыркы күнү бир чыныны бергенде шалдырай түшүп дагы көпкө уктады: "Демек жакты, кудайым бору ооруду, капысынан торго түштүм эле, антип азап тартып жүрүп кайра торго түштүм, мен Тилекке таза келген жокмун, мындан аркы жашообуз жакшы болсо экен" деп уктап жаткан Тилекти телмире карап отурду Калбүбү. Мурункудай төшөктү серпибей калган. Тынч, көшүлө уктап жатканына кубанды. Уулунун атын деле коюшпаптыр ушул күнгө чейин, анткени Тилектен чоочулап атышып күбөлүгүн да алышкан эмес. Калбүбү ушуну ойлоп баласын өзүнчө эле: "Сүйүнчүм, бактым менин, атыңды Бакытбек коебуз, бакытым" деп ойлоп, ойгонгон Тилектин жанына барып: - Уулубуздун атын Бакытбек койсок кандай болот? - деди жылмая. - Ой оорунун азабы менен атын деле койгонуңарды сурабапмын, эмгиче аты жокпу? - Тилек таңдана сурады. - Төрөтканадан сураган, мен чоң ата, чоң энеси билет, деп койгом, анан сенден чоочуп жатып унутуп да калыпмын, - Ойлуу баласын эркелетип: - Ак жолтоюм, бакытым, кубанычым десе, балам экөөбүздүн бактыбыз чо-оң экен атасы, сен сакайып кеттиң! - Калбүбү уулун ууртунан өбө кубанычтуу эркелетип атканда Тилек ага колун сунду. - Келе берчи мага апасы, уулумду өзүм алып отурайын, ушунун күлгөнүн, талпынганын, басканын көрбөйм дедим эле, ушуга шүгүр… - Тилек баланы алып өпкүлөй кубанычтуу күлдүрүп чакырып койду, - ээ Бакыт, күлүп койчу, ий-ии, ий-ии, күлүп койчу садагам. Ортолоруна алып бактылуу жубайлар баласын эркелетип улам биринен-бири ала коюп жатты. Жарк эте күлүп коюп анан оозун упчу соргондой бүлк-бүлк эттирип коет. Бейкапар, назик бала дүйнөсү кандай гана таза. Эч нерсе менен иши жок. Эртеси таң заарда ата-энеси келип улакты союп колу-коңшуну чакырып түлөө өткөрүштү. Улактын шорпосу да ага дары, кубат болот деп ичирип коюшту. Аттиң?!.. Ушул жерге келгенде Калбүбүнүн жүрөгү зырп этип сайгылашып кетти. Ошол бойдон болгондо кандай бактылуу жубайлар болушмак, баласын да өзү чоңойтмок… .. . Ушуларды ойлонуп ичиркенип алды, суук кечинде ого бетер күчөп калчылдап кетти. Бирок көңүлү жок: "эртеменен эрте эптеп тамак ичип алам, анан дагы акча сурайм" деп подвалга кирди. Бир бурчта коробка турчу, ошонун үстүнө жата кетип андан ары ойлоп кетти.. Ошентип Тилек жакшы болуп кетти, уулу чоңоюп там-туң басып калганда аларды кайрадан кырсык басты: Тилек таза айыгып кадимкидей болуп Калбүбү экөө жашоого кумарлана баштаганда эжелери ага башын куттуктап келип машина алып беришти. Эми Тилектин эрмеги эле уулун салып алып эки жакка барып келет. Кайын-журтуна да барышты. Алар жакшылап коноктоп машинага килем жаап, уулуна козу энчилеп берип Тилектин башын куттуктап бир сыйрасын кийгизип жөнөтүштү. Арадан бир жума өтпөй Калбүбүнүн агасы кан кусуп өлдү. Ага чогуу барып келишти. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда дегендей, ошол күнү Тилек уулун жанына салып алып кайдадыр чыгып кеткен. Калбүбү эки жакты элеңдеп карап, күүгүм болду, түн болду - жок, тигилер кечигип жатты. Анан кайнатасыныкына телефон чалды: - Алоо, бул ким? - деди Толкун алып. - Апа, бул менмин Калбүбү, Тилек баланы жанына салып күндүзү кеткен, кечигип атат, сиздерге барган жокпу? - Жоок, биякка келген жок, ботом кайда бараарын айткан жок беле? - Айткан эмес, ойнотуп келем деп кеткен. - Капырай, түнгө чейин баланы алып кайда жүрөт, күндүз кайсы маалда кетти эле? - Түштөн кийин кеткен, мынча жүрчү эмес эле… - Азыр атаң экөөбүз барабыз, аңгыча келип калаар… - деп Толкун трубканы коюп койду. Кирип чыгып тынчсызданган Калбүбү отура албай жатты. Өзүн-өзү сооротуп: "жолдош балдары жолугуп калган го, мүмкүн, болбой үйүнө алып кеткендир" деп кайра эле чыга калып жолду карайт: "Келип калаар" деп кыңкая төшөк үстүнө кийимчен жата калып көзү илинип кетти эле шумдуктуудай түш көрдү. Түшүндө Тилектин машинасы талкаланып калыптыр, уулу менен Тилек жетелешип алып ары көздөй кетип баратат. Арылаганда баланы көтөрүп артына бир кылчайып коюп кайра кетип атты. Калбүбү алардын артынан жүгүрүп жетпей "Тилек, Тилек токто-оо!" деп баратып ойгонуп кетти. Көрсө Сабыр менен Толкун кирип келаткан экен. - Ботом түн жарымы болду, кайда кетти экен, - Толкун кабатырлана сурады. - Билбейм, дегеле кеткен жагын айтчы эмес, күндө эле баланы салып алып жүрө берчү, эрте келчү… - Кудай сактасын, балким эжелерине кетти бекен? - Сабыр токтоолугунан жазбай күңкүлдөдү. - Милицияга чалып көрсөкпү? - Толкун күйөөсүн карады. - Чалса чалып көрөлү, дежурный бар да. - Андан көрө такси жалдап кыздарга барбайлыбы, балким ал бейкапар уулу экөө коноктоп жүрбөсүн? - Толкун жооп күтпөй эле сыртка жөнөдү, - Калбүбү, сен да жүрү балам, үйдө жалгыз отура бербей. - Азыр… - Калбүбү кийине калып кошо чыкты. Таңкы саат төрттөрдө таксист коңшусун ойготуп Кара-Балтага жөнөштү. Жолдон участковыйга да жолугушту: - Сураштыра көр айланайын, тынч эле болсо экен, жаш баланы жанына салып кайда жүрөт ушу убакка чейин. - Сураштырам, машинаңардын номерин айтсаңар, - деди милиция жаш бала. Алар андан ары жөнөп жаңы эле турган күйөө баласынын үйүнүн жанына токтогондо ал чыга калды. - Тынччылыкпы, ата? - деп учурашып сурады. - Кайдан, Тилектер келген жокпу? - Жо-ок, эмнеге сурайсыз? - Ой кечээ күндүзү Бакытты салып алып кеткен боюнча жок, кайда кеткенин билбейм, - Сабыр тынчсыздана сүйлөдү. - Чунак бала, кайда кетип калды, - жездеси ийнин куушура кайнатасын карады, - Кириңиздер үйгө. - Жок, Бактыгүлдү чакыр, кайра тез барып милицияга кабар берели, тиги Чыныгүлдүкүнө барбады бекен? - Анда деле жок, кечинде мен ошол жактан келдим. - Алда кудай ай, тынч аман болсо экен, - - Толкун безилдеп ийди, - Көөнүбүз тынып жүрөгүбүзгө аш барып калганда кандай күн болду… - - Жаман жорукту баштаба кемпир, кудай сактасын, кудай уулумду көр оозунан кайтарды, эч кабатыр болбо! - Сабыр кайра шашып машинага отурду, - Түшкүлө кеттик, балким үйгө барып калгандыр. Калбүбү ыйлап жатты: "түшүм жаман, бир кокустук болгон экен, эмнеси болсо да аман болсо экен" деп кыжаалат. Ооба, ошол күнү аларды чучук какшаткан оор кайгы күтүп жаткан. Тилек уулу менен көлгө барып анан кайра келатып бурулуштан чоң машина менен сүзүшүп алып, уулу маңдайкы терезеге катуу тийип кайра арткы отургучка учуп түшүп ошол жерден эле жан берген. Тагдырдын тамашасын кара, өлөт-өлөт деген оорудан айыгып, бир заматта ажалдын арбаганын билбей күтүүсүз өлүм чеңгээлине түшүп берди. Аларды ошол эле замат моргго алпарып койгон экен. Машина жараксыз болуп калган. Ызы-чуу түшүп өлүктү зорго алып чыгышты. Калбүбүнүн абалы өтө оор болду, улам эсин жоготуп бир баласын карап, бир күйөөсүн карап эзилип атты. Пенде баласы башка салганын көтөрбөскө чарасы жок. Ошентип Сабыр менен Толкун же уулунан, же небересинен жок - куру калышты. Толкун бир жерде, Калбүбү бир жерде эси ооп улам суу чачып эс алдырып атышты. Акыркы сөөк менен коштошоор күнү Калбүбүнүн оозунан ак көбүк агып таптакыр эч нерсе сезбей калганда аны ооруканага алып кетишти. Үч күнгө чейин көзүн ачпай тиштенип жатып үчүнчү күнү көзүн ачып эле: - Уулум кана, мени кое бергилечи, күйөөм менен балама барайын, кое бергилечи! - деп жулунуп, өкүрүп-бакырып ар кайсыны сүйлөгөндө укол салып тынчтандырып коюшту. Бул убакта Толкундун абалы андан оор эле. Сабыр эркек эмеспи, сабырдуулук менен ичтен күйүт тартып атты: "неге кудайдын боору таш?! Баламды алса неберемди жөн койбойт беле, жок дегенде бири тирүү калса болбойбу?" деп ойлоп үч күндүн ичинде карып боло түштү. Толкун үйдө жатып чачын жула ботодой боздойт: - Жараткан ай, ушунча таш боорсуңбу, оорудан айыктырып баласын кошо алайын дедиңби?! Бири тирүү калса болбойт беле?! - Ошону айтсаң апакебай, ким ойлоптур ушундай болот деп, - кызы шолоктоп жанында отуруп ыйлап атты. - Ушундан көрө ичээрибизди ичтик эле, калган өмүргө тойдум эле, мени неге албайт! Толкун тиштене көз жашын сыдыра муңканат. Эч сөз сүйлөбөй түнөргөн Сабыр. Заматта жер астын-үстүн болгондой заманасы тарып, жаратканга нааразы болуп, ыйды үшкүрүк коштоп тууган-уругу аларга кайрат айтып жатты: - Алланын өз эрки, кайрат кылгыла, жаткан жерлери жайлуу болсун, бул да болсо жазмыш! - Ооба десең айланайындар, кимди алып кимди койоорун кудай өзү билет экен, күнөөкөр болбогула, - улгайган кемпир шыпшына, - курандан башка айла жок, - деди үшкүрүнө. Калбүбүдөн кабар ала албай бир күнү Бактыгүл барса анын киши тааныр алы жок, буту колу кроватка таңылуу жатат. Аны көрүп ого бетер боздоп келди ал. Жылаандай жылган суук кабар, кайгы мөгдөткөн үй бүлө кырк күндүн кандай өткөнүн да сезбей калышты. Кыркын берип, куран окутушту. Сабыр кайгыны көтөрө албай төшөк тартып калды. Толкун басса-турса ыйлап, көзү шоролонуп карый түштү. Эки кызынын тестиер кыздары келип алардын тамагын жасап, кирин жууп каралашып жүрдү. Сабыр уулунун жылдыгын бере электе төшөктөн турбай оо дүйнө салды. Толкун жээндери менен эптеп күн өткөрүп калды. Калбүбүнү жиндиканага алпарып койгондон кийин абалы оңолуп кеткен жок, туруп-туруп эле: "балам менен күйөөм күтүп атат, мен барайын, кое бергиле, балама барам" деп жулунуп тура калат. Кайгыны көтөрө албады, азап чекти, алдыда жашоосун ойлогонго үлгүрө албай калды. Ошентип жүрүп ал нез болгондой сүйлөбөй да калды. Жанына ким келип, ким кетип атат, иши да жок. Алдына тамак койсо шашып, чачып жатып ичип алат. Анан кечке жата берет. Бир күнү эжеси Гүлүйпа келди. Ал көрүп алып кучактап ыйлап анан кете берди. Иниси менен кичүү эжеси Нурипа келип, алар да үмүтүн үзүп кетти. Урматкан бир күнү Макулбектикине келип Калбүбүнүн абалын айтып ыйлап отурду: - Кебетеси кеткен, эч нерсе билбейт, нез болуп калыптыр, эмне кылаарымды билбей калдым, аке. - Жаман болгон тура, - Макулбек кейий отуруп калды, - Врач менен сүйлөшүп көрдүңбү? - Жок, сүйлөшкөн жокмун, ал катуу кайгыдан эле ооруду да, аны жиндилердин арасына алып барып укол сая берсе соо киши жинди болот да. - Та-ак, мен барып сүйлөшүп көрөйүн, өзүм да көрүп келейин, - деди Макулбек көптөн кийин. Урматкан үйүнө кетти. Эртеси эле ал ооруканада отурду. Врач өзүнүн таанышы болуп чыкты. Учурашып ал жай сурагандан кийин: - Да, да-да, демек ишиң жакшы экен, эми менин келгеним мындай, Темирбекова Калбүбү деген оорулуу ушул жердеби? - Ооба-ооба, ушул жерде. - Эмесе ошол менин карындашым болот, Темирбек менен Эмилбек бир тууган, ошону мага көрсөтчү. - Болуптур… - Исаев Дастан аны ээрчитип палаталарды кыдырып эң акыркы палатага жеткенде эшикти ачты да колун ичке карай суна, - Кириңиз, ушул палатада, - деди. Макулбек кирип барып шыпты карап жаткан Калбүбүнүн жанына барды. - Калбүбү, Какен, кандай акыбал? - Эңкейип колдорун кармап көзүнө тигилди. Кандайдыр бир жыт бур эте түштү: "дарынын жыты, көздөрү таза" деп ойлоп, көздөрүн ирмебей нез болуп жаткан карындашын баягы кууп барганда бактылуу жаркылдаганын көз алдына келтирип зээни кейип анан палатадан чыгып кетишти. - Ушул, ушул абалда жатканына бир жылга жакындап баратат, - Дастан артында келатып сүйлөп атты, - Ага чейин эч кимди жанына жолотпой: "балам, балам, күйөөмө барам" деп кыйкырып жатчу. - Бул уколдун туура эмес таасиринен го дейм, деги мындай оорулардын айыкканы болду беле? - Маке, мындай оорунун арты көбүнчө өлүмгө алып барат, эми кээ-кээси гана сакайып кеткен учурлар бар. - Эмесе ушу кызды жакшылап кара, эмгегиңди жакшылап баалайбыз, аракетиңди аяба, эгер жылыш болсо мага чалып кой. - Макул, аракет кылайын, - Дастан чын көңүлүнөн айтты. Макулбек коштошуп кете берди. Ал кеткенден кийин Дастан Калбүбүнүн жанына кирип тамырын кармап көрүп, анан көздөрүн ачып карап аны өйдө кылып отургузуп алып: - Калбүбү, мени карасаң, мени карачы, мына экөөбүз азыр топ ойнойлу, ме! - деп колундагы тоголок пластмассаны улам бир колунан бир колуна өткөрүп кайра Калбүбүнү чекеге коюп кайра колго, мурунуна тийгизип атты. Ал күнү эч нерсе сезген жок. Түш болгондо аны туалетке алып барып келген сестра тамак берди. Дастан медсестрага карап минтти: - Сонун Жапаровна, сиз жанагы Темирбекованы күнүнө бир маал отургузуп алып топ менен нервине тийгидей кылып уруп, улам атынан чакырып бир жума карап көрүңүз. Азыр алып жаткан уколду токтотуп, колдорун кармап нервин текшериңиз, - деди. - Жарайт, Дастан Исаевич, - медсестра врачтын айтканын үлгүртпөй макул болду. Ошондон баштап Калбүбүнү карап жатышты, үчүнчү күнү чекесине тийген топтон селт дей түштү Калбүбү, көздөрүн бардап ачып, таңдана медсестраны тикчие карады. Аңгыча дагы бир койду Сонун, үчүнчү жолу урганда Калбүбү топту тозуп калды. Күндөн-күнгө оңолуп бир жумада кадимкидей өзүн өзү алып жүрө баштады. Бир күнү Дастан аны кабинетине ээрчитип кирип ар түрдүү бойоктор менен бойолгон сүрөттөрдү бирден көрсөттү: - Бул эмне, өңү кандай экен? - Кызыл алма. - А булчу? - Ал алмурут, жашыл… - Оо азамат, Калбүбү, мына муну карачы, - деди Дастан бала ээрчиткен аялдын сүрөтүн көрсөтө. Калбүбү саамга тиктеп туруп анын көзүнөн мончоктогон жаш куюла: - Бул бала, а тигиниси апасы экен… - деди муңкана, - көргүм келбейт, көргүм келбейт! - деп ордунан тура жөнөдү эчкирип ыйлап. - Мейли, бүгүн эс ал, анан жашооңдо эмне болгонун эстечи ээ, эртең мага айтып бересиң. - Мм, - деп чыга жөнөдү. Ошол күнү ал көпкө жаткан жеринде ыйлап жатты. Бирдемени эстейин дейт эстей албайт, бир кезде баягы көргөн түшүн эстей койду. Уулун көтөрүп алып артына кылчая карап коюп кетип жаткан Тилекти көз алдына келтирип алып ордунан кыйкырып тура калып бетин баса шолоктой берди. Жанындагы бир келин аны карап кыткылыктап күлүп жатканда аны жаздык менен коюп жиберди эле ал төшөгүн чүмкөнүп жатып калды. - Үнүңдү чыгарсаң өлтүрүп коем! - деди ага жиндене. Сырттан сестра кирип келип: - Эмне болду? - деди Калбүбүнү карай. - Эч нерсе болгон жок, эмне болушу керек эле? - деди кайра өзүнө суроо бере. - Ким кыйкырды? - Мен… - Тынч жатыңыз, азыр түшкү уколуңарды аласыңар. - Мен укол албайм, тиги жиндилериңе бере бергиле? - Калбүбү мисирээ аны караганда сестра үндөбөй чыгып кетти. - Хы, xы, xы коркок, уколдон коркосуңбу? - деди жанагы жууркандан башын чыгарып, - мен укол алам, аяй болом, сен жиндисиң, - дегенде башкалары кошо күлүп жиберишти. Жини келген Калбүбү ордунан туруп барып жанагы сүйлөгөн немени чачынан кармап жаакка чаап туруп төшөгүн үстүнө жаап койду: - Экинчи үнүң чыкса өлөсүң! Аңгыча врач менен медсестра кирип келди. - Эмне чурулдап жатасыңар? - Мен эмес, тиги, - деп туурада жаткан аял бүрүшө калып коркуп жооп бере салды. - Мен эмес. - Мен эмес, - дешип башкалары да чуулдап ийишти. Анткени кокус алар ызы-чуу болуп, кимиси чыр кылып урушса укол сайып, буту колун таңып коюшчу. Ошондуктан төшөктөрүн чүмкөнө былк этпей калышты. - Мен, булардын арасында мени эмне кармап жатасыңар, ооруган эле адамды жиндиканага жаткырып дарылаганыңар ушубу, соо киши жинди боло турган жер экен! - деди Калбүбү. - Темирбекова, сиз оорубасаңыз эле ушул жерге алып келмек эмес, текшеребиз, денсоолугуңуз жайында болсо сизди кармабайбыз, - Врач ага жылмая жумшак жооп берип тынчтандырды, - Эч капа болбоңуз, жата бериңиз, эртең Дастан Исаевич келсе дагы көрөбүз. - Мен укол албайм, Исаевич айткан эмес беле? - Ооба-ооба, сизге укол салбайт, жакшылап текшерүүдөн өткөрөбүз. - Болуптур, - Калбүбү унчукпай кроватка отуруп калды. Сестра башкаларга укол сайып, дары-берип зордоп ичирди да чыгып кетти. Калбүбүнүн көз алдынан баласын көтөрүп кетип жаткан Тилектин элеси кетпей туруп алды. Улутунуп алды ал, өзөгү өрттөнө түштү. Бирде бозүйдө жаткан наристе уулун, бирде күйөөсүн эстей берип башы ооруп чыкты. Ошол күнү Макулбек менен Урматкан келип калды. Калбүбү алар менен кадимкидей учурашып: - Мени биерден алып кеткиле, бөөдө жинди болуп калбайын, - деп ыйламсырады. - Алып кетебиз, өзүң жакшы элесиңби? - Урматкан сиңдисин ишенкиребей карады. - Көрүп турбайсыңбы, жакшы экен буйруса, эртең Дастан Исаевич келсе уруксаат сурап алып кетебиз, - Макулбек ага көңүлүн көтөрө чачынан сылай сүйлөдү. - Менин абалымды бир көрүүгө келбедиңерби, ата-эненин жогу ушул тура… - Калбүбү улутунуп алды. - Жок-жок, келип эле аттык садага, сен ооруп атып билбей калдың го… - Мейли эми, таарынганда таарынбаганда не, иши кылып аман болсоңор болду, ушул келгениңерге ыраазымын. Ал күнү алар Калбүбү менен бир топко сүйлөшүп отуруп анан кетмек болду эле Макулбек Дастандын үйүнүн телефонун сурап алып ага чалды. - Алоо угуп атам, - деди телефонду алганда эле. - Ассалоому Аллейкум, бу Дастан Исаевич бекен? - Да, да мен угуп атам. - Аа-аа кандай Дастан, мен Макулбектин, биз сага келдик эле… - Жакшы-жакшы, азыр каердесиз? - Ооруканадан чалып жатам. - Анда бир аз күтө тургула, мен азыр барып калам, - деп трубканы коюп койду. Жарым саатка жетпей Дастан Исаевич келип калды. Макулбек экөө көпкө сүйлөштү: - Өтө жакшы болуп калды деп айтуу кыйын, бирок мурункудан жакшы. - Кыскасы алып кете берсек болот да? - Болот, көңүлүн оорутпай, жаман айтпай дагы жарым жыл жакшылап караса өзүнө келип калат. - Ракмат Дастан, мен сага ишенем, - Макулбек чыгып келе жатып анын төш чөнтөгүнө аста гана төрт бүутөлгөн миң сомдуктан төрттү салып койду, - Чай ичип кой, силердин эмгегиңер көп, оорулууну карап дарылаш оңой эмес. - Ой Маке, бул эмнең, болбойт да ушунуң, оорулууну дарылаш биздин милдет, - Дастан колун чөнтөгүнө сала коюп кайра сунмак болгондо Макулбек колун кармай калды: - Таарынып калабыз, атайын чын дилибиз менен алып келген нерсени кайтарган болбойт! - Ка-ап, тим койсоңуз болот эле… - деген бойдон шыпылдап Калбүбүнү кабинетине чакыртты. - Калбүбү, эми үйүңө бар, жакшылап сакайып кет, биякка келбей турган бол! - деди да колун кармай, - Азамат, биздин эмгекти кайтардың, - деп койду далыга таптай, - Жакшы бар! - Жакшы калыңыз. -Коштошуп үчөө чыгып кетишти. Урматкан Калбүбүнү өз үйүнө алып кетти. Кирип чыгып өз кийимин өзү жууп өзү менен өзү. Урматкандын эки кыз, үч уулу бар, эң кенже кызы менен баласы колунда, калгандары үй-жай күтүп кетишкен. Эки небереси бар. Күйөөсү көп жыл мурун өлүп калган. Балдары эстүү энесин карап турушат. Калбүбүнүн келгенине кызы анча кубанбады: - Мама, ушул сиңдиңиз мага жакпайт, киши өлтүргөн немени үйгө алып келбей эле койсоң болмок. - Кой кызым, ал менин бир тууганым, мени кандай көрсөңөр ошондой көрүп сыйлагыла. - Ой коюңузчу, өзүң бир кезде жаман көрүп жүрбөдүң беле? - Мен жаңылыпмын кызым, туура эмес түшүнгөнбүз, көрсө байкушумдун тагдыры теңирден тескери тура, көңүлүн оорутпа, садага. - Иши кылса мен аны жаман көрөм, эми кыш түшөт, азыр турса туруп турсун, жаз болсо үйдөн чыгарып коем! - деп сыртка чыгып кетти: "Чунак кыз, ушу байкушум деле атамдардын барында кандай эрке кыз эле, текебер болчу, баарыбыз жакшы көрчү элек" деп ойлоп Урматкан телмире отуруп калды. Калбүбү чай ичип отурган жерде Астра отурбайт. Аны көзүнүн төбөсү менен карап коюп чыгып кетет. Бир күнү түшкө маал Калбүбү эшикте отурган. Урматкан өзү тамак жасап жатканда Астра кирип келип колунан алып жасап кирди. - Эмнеге менин колум бошогуча эле шашып жатасыз, тиги "зек" сиңдиңизди койкойтуп бага бербей жаса дебейсизби? - Ок өлүгүңдү көрөйүн десе, угуп калса эмне дейт, жүрөгү ооруп капа болот! - Зекти зек дейт, эмне түрмөдө отурганы жалган беле, же түрмөгө мен каматтымбы? - Тирмиңдеген он алтыдагы кыз ачуусу менен катуу сүйлөп жатканда Калбүбү кирип келаткан. Босогодо таштай катып туруп калды: "Эмне деди, мени зек деп атабы же башканы айттыбы, кимди?" деп ойлонгуча кайрадан үнү чыкты, - Апа, түрмө көргөн, анан да жолу жок кара жолтой зекти анча эмне калкалайсыз, бир тууган болсо сизге, а мага эч ким эмес! - Болду жаагыңды бас, угуп калбасын, менин сиңдимди сыйлай албасаңар мени апа дебей эле койгула! - Урматкан кызын урушуп атты. Калбүбү кайра ары басып кетти: "Мени зек дешет тура, ырас эле түрмөдө отурдум, сегиз жыл, андан кийин төрт жыл - он бир жыл отурганмын. Кой, биерге жүрбөй өз жолум менен кетейин" деп ойлонуп отурганда Урматкан чыгып келип жанына отурду: - Ээ Калбүбү капа болгон жоксуңбу, көңүлүңдү ач садага, сен эми жаш эмессиң, мына быйыл кырк жетиге чыгасың, өзүңө ылайык күйөөгө чыгып бала-чакалуу болуп, орун-очок алып калсаң жакшы болот эле. - Эже, мени ким карамак эле? Тилекке ыраазымын, көрсө өлөрүн билген тура, түрмөдөн эптеп жүрүп чыгарып алышты. Анын үстүнө тигил кишинин тууган-уругу жок экен, арызданган эч ким болбоду… - Олда кокуй күн ай, мейли мен да карап ылайыктуу бирөөнү тапканга аракет кылайын. - Убара болбо эжекебайым, ушунча жашка чыкканча жыргап кетпеген эми кайсы күндү көрмөк элем… - Калбүбү мукактанып кетти, анын көз алдында бактылуу балалык кези, андан кийин Тилек менен таанышып кыз-жигит болуп жүргөн күндөрү, андан кийин Тилек менен жашап балалуу болуп, бала жытын жыттаган күндөрү эсинде.. - Өx, - деп алды ал, - эми кайдан бактылуу болмок элем, эже?! - Кой антпе, алтымыштан ашкан аял деле күйөөгө тийип бир жерге тынып калса тобо кылып жашайт тура, сен эмне… - Жок эже, ашыкча сөздүн кереги эмне, - Калбүбү ордунан туруп сыртка чыкты да эки жакты карап алаксып калды. Урматкан ордунда көпкө отурду. Иниси Токтобек аялы Жийде экөө келип көрүп кетишти. Ошондо Урматкан инисин өзүнчө бөлүп: - Токон, Калбүбү менин бир тууганым болгон менен балдарыма бир тууган болбойт экен. Аны капа кылып койсо ооруп калабы деп эле коркуп атам, бизден башка кимиси бар. Баласы аман болсо да өз үйүндө жашай берет эле, кайнене-кайнатасы да өтүп кетти. Жийде экөөң үйгө алып кеткиле, ал үйдө чоңоюп өскөн, зыяны тийбейт, - деди, - менин да кан басымым көтөрүлүп, кыйналып кеттим. - Эже, Жийде үйдөн чыгаарда эле ошону айткан, алып кет десе албайбыз, жашынан балээ баскан эжең келсе бизди кырсык тооруйт, үйгө алып келбе деп атпайбы! - Токтобек күнөөлүүдөй үн катты. - Алда Кудай ай, эми эмне кылам, жок дегенде он, он беш күн жүрүп келсе болот эле ботом, кетирип ийсек наалага калабыз, жашы да элүүгө чамалап калганда кор болуп калат го? - Мм, мейли он, он беш күн жүрсө жүрүп келсин, оорусу кармабай эле калдыбы? - Капырай бул нервден эле бузула түшкөн да, жиндиканага доктурлар ошентип алпарып коюшат тура. - Билбейм… - Токтобек нымтырап тим болду. Калбүбүнү ошол күнү "алып кетели кайра келесиң" дегенге болбоду, анткени келининин жактырбай турганын байкап калган. Алар кетишкенден кийин Урматкан бир паста башым деп жатып калды. Кан басымы көтөрүлүп улам дарысын ичип төшөктө жатты. Врач келип аны ооруканага жатсын дегенинен өзү болбой койду, укол алып эс ала түшкөн эле. Үч күн жатып үчүнчү күнү таңга маал үзүлүп кете берди. Кыздары, балдары чогулуп келип аны ызааттап коюуга киришти. Ошондо Астра өкүрүп-бакырып: - Каражолтой, Сенин келгениң бизге зыян келтирип атат, тур азыр көзгө көрүнбөй жогол! - деп эжесинин башында ыйлап аткан Калбүбүнү колдон алып сүйрөп кирди. - Астра, эмне болуп атасың, апамдын арбагын нааразы кылбайлы, мейли бир тууганын койгончо турсун, - деп улуу эжеси зорго тыйды Астраны. Калбүбүнүн жети өмүрү жерге кирип: "оо кудай, неге пешенем мындай болуп төрөлдүм, шордуу кылып төрөбөй койсоңчу апакебай, же энемдин өлгөнүнө, атам менен агама ыйлай албай чын эле куу пешене окшобойбу" деп ботодой боздоп жатты. - Эже, көңүлүңө алба, жаштык кылып, ачуусу менен сүйлөп койду, апамдын бир тууганы болгон соң биздин эжебизсиң, - Урматкандын улуу кызы абдан акыл-эстүү, нарк-насилдүү эле. Ал Калбүбүнүн көңүлүн карап сыйкап койду: "Бул келбеген күндө деле атам өтүп кетпедиби, ажал деген айтып келбейт дегени ушул тура, жакшына жүрүп эле апам… " деп өзүнчө өксүп ыйлап алды. Калбүбү эжесин койгуча отурду. Аны "чай ичип ал, эс ал" деген эч ким болбоду. Макулбек да келген. Ал кайгырып отурду. Ал Калбүбүнүн абалын кайдан билсин. Боз үйдө отурган аялдар шыбырашып: "ботом бул баягы кесилип кеткен сиңдиси го, жинди болуп кетиптир дебеди беле?" "Жоок, күйөөсү менен баласы авариядан өлүп ошондо өзүн билбей калып жиндиканага алпарып койгон имиш" "Аа-аа байкуш айыгып калган го анда, жакшынакай эле отурбайбы" дешип тим отурбай күбүрөп жатышты. Баарын угуп аткан Калбүбү өз тагдырына нааразы болуп "өлүп эле кутулбасам, эл ичинде басып жүрө албай го?" деп ызадан бир, жакшы айтып көңүлүн көтөрөөр эжесинин минтип ары карап кеткенине бир сыздап отурду. Гүлсана болсо жээндерин башкарып эжесинин башында ыйлап да, баш-көз болуп да жүрдү. Үчүнчү күнү өлүктү алып жөнөгөндө молдо жаназа окумак болгондо улуу баласы: - Эл журт апамдын кимге карызы бар, мен төлөйм! - деди эле эл ичинен: - Жо-ок, карызы жок! - дешти бир тобу жооп кылып. - Аласасы болсо өзүңөр калыс болгула, кечтик! - деди дагы бир сыйра элди айланта тиктеп. Табытты көтөргөндөр мүрзөнү көздөй чубап жөнөдү. Ошентип Урматканды жайына коюп, жетилиги өткөндөн кийин Гүлсана кетмек болду. Ал Калбүбүнү ала кетейин деди эле күйөөсү болбоду. - Гүлсана, ушул сиңдиңдин жолу жаман, Куттуу үйгө, анан да өлгөнгө келип аны ээрчитпей эле койчу. - Жок дегенде бир-эки жума жүрүп келсин, бир тууганым экени жалганбы, уй мурдун сасык деп кесип таштабайт! - Кийин келип алып кетебиз. Калбүбү эми биерде өзүнө орун жогун сезип, Гүлсана эжеси менен кеткенге камынып алган. Анан эле эжеси: - Биз баралы, беш-он күндөн кийин келип кетем, - деп жөнөй бергенде бозоргон бойдон кала берди: "Эч кимге керегим жок экен да, демек баары мени, жолу жок кара жолтой деп ойлоп калышты" деп ойлонуп өзүнчө ыйлап алып кардынын ачканын сезип ашканага кирип казан түбүндөгү күрүчтөн салып жеп жатып: "Токтобек болсо учурашып же коштошуп койгон жок, менин барым да, жогум да баары бир тура" деп ойлуу отурганда Астра кирип келип анын колундагы тарелканы алып: - Ийи, апамдын кара ашына тоюп, жыргап атасыңбы, кара жолтой, жолу жок, шор пешене, чык азыр, жогол! - деп дагы өкүрүп-бакырып сүйрөп чыкты. Аны көргөн жардамдашып жүргөн адамдар: - Кой ай кыз, чоң аялды антип кордобо айланайын, ошол эле бир тууганын өлсүн деп ойлоду дейсиңби? - дешти эле Астра үйгө кирип кетти. Кеч күүгүм болчу. Ансыз да ачка, карайлап турган неме сенделип мүрзөнү көздөй жөнөдү: "Өлбөгөндө эмнем калды, эптеп ата-энемдин мүрзөсүнө барып жатайын" деп илкий басып жетти да, мүрзөнүн четине жатып алды. Бозкыроо түшүп аба муздай түшкөн. Чыйрыгып кеткенинен кайра туруп: "атамдын күмбөзү кайсынысы эле, үчөө, агам менен төртөө жакын чыгаар" деп аралай басып баратып жаңы көмүлгөн эжесинин мүрзөсүн тааный койду. Темтеңдеп караңгыда чалынып атасынын күмбөзүн таап кирип жатып алды. Эртеси кобураган үндөн улам баш көтөрсө эжесинин балдары, Токтобек, күйөө баласы үчөө-төртөө келип куран окуп жатышыптыр. Ал да алар бата кылганда алаканын бетине сылай: "Оомийин" деп коюп тигилердин карааны узаганда күмбөздөн чыгып: "Менин ата-энем, эжем-агам, мен тирүүлөй азапта калдым, колумдан эч нерсе келбеген мусапырмын, мусапырыңарды кечире көргүлө, аргасыз карыпмын" деп көзүнүн жашын аарчып алды да көрүстөндөн узап баратты. Өзүнө өзү кайрат берди, тобо келтирди, "кайда барса мамайдын көрү деген тура, өлсөм өлөөрмүн, өлбөгөн бир күндү көрөөрмүн, мындан ары ыйлабайм, таш болуп катып, муз болуп тоңду жүрөк, өз туугандарым, бир жатынды тебишип төрөлгөн бир боорлорум мени батырбаса Кудайдын ичи кенен, аалам кенен, мага да бир нерсени буйругандыр, эмне болсо ошого кайылмын" деп ойлоп кетип жатты. Негедир кечинде ичи эңшерилип карды ачып турса азыр анысын сезбеди, ылдамдай басып коңшу айылды көздөй кетип баратты. Эми ага баары бир болчу. Жашоо же өлүм. Кайсынысы болсо даяр эле… *** Кызгалдак өзү таза, жумшак көңүл эле. Макулбек анын ушул сапатын жактырып ичтен кубанып алат: "Кудай буйруса жакшы аял болчудай, эми балдарына барып келели" деп ойлонуп жүрдү. Ичкен идишти дароо жууп, үйгө чаң жугузбайт. Керээли кечке да жаны тынбай үй ичин сүртүп, тазалап, отурганга чолоосу жок. Кызгалдак келчи бир жыттап алайын, жанымда жакыныраак отурбай койдуң да, жумуш бүтөөр атасынын гөрү, ушул жашымда сени менен ырахаттанып отурайын. - Азыр, муну бүтө коеюн, чаң болуп калган тура, - Кызгалдак серванттагы идиштерди алып тазалап кайра коюп жаткан, жылмая күйөөсүн карап койду, - Күндө жаныңдамын, бир аз чыдай тур эми, аңгыча чай да кайнап калат, чай ичебиз. - Мейли ардагым, мейли, - Макулбек телевизор көрүп отуруп калды. Кызгалдак баарын бүтүп, стол үстүнө тамагын коюп, чай демдеп алып анан чакырды. Экөө чогуу чай ичишти. - Зериктиң окшойт, - Кызгалдак күлүмсүрөй сурап койду. - Ананчы, жанымда ай чырай келин турса жүрөгүм ээлигип чыдай албай жатпайынбы. - Кой эми, түн кирсин, баарына жетишебиз, бизге эч ким тоскоол болбойт! - тамашалай кетти, - ушу кебетең менен далай кыз-келиндин кылыгын көргөндүрсүң? - Бул кызганганыңбы же жөн сураганыңбы? - Кызганыч сүйүүдөн чыгат, чын эле кызганып кеттим. - Асылым менин, кызганганыңдан сенин, чынын айтсам, өмүр эртең менен күн чыгып кечинде баткандай эле тура, ырасын айтсам болду далай эле жолу, атайлап мени менен жашагысы келгени да чыкты, бирин да төшөгүмө жаткырбадым.. . - Кой эми ойлонбо, сурап койдум, - Кызгалдак туруп келип Макулбектин мойнуна асыла кетти, - Мен ушул күнгө, сени менен бирге отурганыма эле ыраазымын, билесиңби мен сени он беш жашта болсом да сүйүп тиймекмин! - Ыраспы ырахатым, менин асылкечим, кудайга миң мертебе сүйүүңдү айтып бакытка балкытып турганыңа, - Көпкө чейин экөө кыз жигиттей өбүшүп анан бири-бирин колтуктай жатчу бөлмөгө жөнөдү. - Мына эми жаныңдамын, колтугуңдамын, - Кызгалдак кыткылыктай күлүп калды. - Жаным менин! - Макулбек анын жанына жатып алып оюндагысын айтты, - Балдарга качан баралы, үйүбүз балдардын күлкүсүнө толуп турсунчу? - Каалаган күнү, мен чынында балдарымды сагындым, бирок экөөбүз көнүшкүчө тим кое туралы деп ойлогом. - Биз азыр бир кишибиз, сен не десең ошол, - Макулбек кучактап өпкүлөп кирди, - Балдарды алып келеличи жаным, макулбу, эртең эле барабыз. - Мейли, - Кумарлуу өбүшүү, андан кийин бири-бирине ырахат тартуулап көпкө чейин кучакташып жатып уйкуга киришти. Бул жашоонун ырахаты эмнеде экенин сезбей, жалаң түйшүк деп жүргөн Кызгалдак эми гана сезди: "Эки адамдын бири-бирине керек экенин, анан дагы көңүлдөр төп келишип, жүрөктөр бири-бирин каалаганда. Сүйдүрүп, сүйүп өтүү кандай бакыт, сүйүүнү билбей жашап өтүү арман. Мен улгайган адамды сүйдүм, сүйдүрдүм, сүйүүнү кубалап жетип, кармап алып асманга абалап учуп, деңизде калкып жүрөм, кудайым ушул бактымды кут кыла көр" деп ойлонот ар убак. Жашы өткөндө жаш селки менен бирге болуу абдан кызык го, эртең менен ойгонуп эле жанында жаткан келинчегин аймалап өөп, чачынан, бетинен.. . койчу, деле чолоо жерин калтырбай өөп анан кайра жатат. - Уктай гой, али эрте, уйкуңду кандыр. - Анан эмне ойготуп ийдиң? - Келин кыңкыстай эркелеп алат. - Сагынып кетпедимби. - Койчу, жаныңда эле жатам го? - Уйку бөлүнүп атпайбы, - Макулбек күлүп кучактап чекесинен өөп, - уктай бер, - деп кымтылап коюп тынчып калат. Эртеси экөө ээрчишип балдар үйүнө жөнөштү. Алар келгенде тынч убакыт болчу, тарбиячысына кирип суранышты эле директорго жолуккула деп кирип кетти. Директору кабинетинде экен, аял киши. Экөөнү кулак сала угуп анан: - Демек алып кеткени келдиңерби? - деди сынай карап. - Ооба, мүмкүн болсо.. . - Анда мындай, балдар абдан жакшы балдар, тартиптүү, ушул күнгө чейин зорго көнүштү эле. Эми балдарды кор кылбай жакшы карагыла, ылайым эле алпештеп багаар ата-энелери болуп жетимдер үйүнө келбей калышса кана, - деп күлүп койду. - Бир аз кыйналганымдан убактылуу алып келдим эле, кечирип коюңуз, өзүм да аябай сагындым, - Кызгалдак кичипейилдик кыла сүйлөдү. Кызгалдакты көргөн балдары жүгүрүп келип кучактап калды: - Апа, апа мен сени сагындым. - Апа, эмнеге келбей жүрдүң? - Апа, апов! - Оов садагаларым десе, мына келбедимби, мен дагы силерди сагынып кеттим, - Кызгалдак ар бирин беттеринен өөп, жыттап, улам бирин кучактап убараланып жатты. Макулбек аларды карап туруп бошогонуна кол сунду. - Ассалоому Аллейкум! - Асылам алеки, - тили чала келген кичүүсү кол суна учурашты. - Оо азаматтар, кана жигит чоңойдуңбу? - Ооба.. . - Алар учурашып алаксып атканда кызы энесин кучактап ыйлап ийди: - Сизди келбей коебу деп коркуп жүргөм, эмнеге кеч келдиң? - Кантип кызым, кантип келбей коем? - Кызгалдак да ыйлап ийди, - силерди таштабай калайын, бир ай мурун келип кетпедим беле кызым. - Баары бир ошентип ойлодум. - Жүргүлө эми кетели, - Кызгалдак балдарын жетелей жолго чыгып такси кармап келгени басып кеткен Макулбекти таппай калды. Эки жагын карап туруп калганда машинадан түшкөнүн көрүп ылдамдай басты. - Болгула, чурулдап жүрбөй такси менен жетип алалы, - деп балдарды машинага отургузду да зымырай жүрүп бараткан таксиде термелип кетип атты. - Мен сени таппай калбадымбы бир заматта, - Кызгалдак күлүп калды. - Мен ошондой заматта жок болуп кайра бар болуп калам да, - Макулбек да күлүп калды. Таксист күзгүдөн келинди карап койду. Ал бул улгайган адамды анын атасы экен деп ойлогон, сөздөрүн угуп таңыркап калган. Тез эле үйүнө келип калышты, бири-биринен озунуп жерге түшкөн балдар энесинен кала берчүдөй бучкактай басышты. Топурап үйгө кирип биринен-бири өтүп сүйлөп жатты. Кызы Алия токтоо, көп сүйлөбөгөн кыз. Замири менен Амири андан бетер. Ойногондо ойноп, көрүнгөн буюмду кармалабайт. Макулбекти "ата деп айт" деди эле, тартынбай эле "ата" дей баштады. Кызы уялып эптеп көндү. Балдарын алып келгендин эртеси Салимага телефон чалды Кызгалдак. - Салима, эртең Марс экөөңөр тең келип кеткиле! - Тынччылыкпы? - Сопсонун эле, келип кеткилечи. - Болуптур досум, сен кел десең кантип барбай кое алам, сөзсүз барып калабыз. - Көрүшкөнчө. - Сен дагы, - Салима телефонду коюп эле Масты карады: - Кызгалдак чакырып атат, арыдан балдардын үнү угулат, алып келген го? - Алса алып келгендир да. - Байкушум десе, кубанычына чыдай албай чакырып аткан го, балдарына бирдеме алып алалы. - Ананчы, балдары жол карап калбайбы? - Алар ошентип сүйлөшүп атып эле Марс чоочугандай Салиманы карады, - Жаным, сен мага төрөп берчи ээ? - Кудай берсе төрөп берем жаным, али шашпа, иштеп алайын, бала кайда качмак эле. - Антпе жаным, эрте балалуу болсок өзүбүз менен тең өсүп калат, эрте эле чоң-ата, чоң-эне болобуз, - Марс Салиманы кучактап өөп эркелетип, - Төрөп берчи ээ? - Болуптур, төрөп берем, биринчи кызбы же уул болсунбу? - Баары бир, кыз-эркеги кызыктырбайт, мага баланын үнүн угузсаң болду. Салима ойлонуп калды. Ал "эрте төрөгөндө эмне" деген ойдо ушуга чейин сактанып жүргөн. Эрте төрөп бала басты болгусу келген эмес: "Кой чын эле төрөшүм керек экен, эркек бала төрөбөсөң башкага кетип калат, эми сактанганды токтотуп аракет кылайын" деп чечти. - Айтканыңдай болот, балалуу болобуз буйруса, - Салима ошол учурда баары өз колундагыдай көрдү, төрөйм десе эле төрөп алам деген ойдо болчу. Бирок алар баланын айынан кандай абалда калаарын, азыр кандай калчап, акырында экөө эки өйүздө калаары оюна да келмек эмес. Бактылуу жашоонун кучагында, бардар үйбүлөнүн катарында бейкапар. Бакыт деген тоголок, мээнет жалпак экенин билишпеди. Тек гана көңүлдөрү куунак, жумуштары ойдогудай, эч нерсени туйбаган көр пенде катары жашап жатышты. Балдарына белек-бечкек, таттуу алышып, эртеси экөө ээрчишип келип калды. Салима өзү балага жакын болчу. Улам бирисин кучактап өөп аларга белектерин берип анан орун алышты. Макулбек менен Кызгалдак алда качан тамактарын даярдап күтүп калышкан. Алия апасына жардам берип тыпылдап жүрдү. Аны көргөн Салима: "Ырас эле мен эмнеге сактанам, өзүм күйөөгө кеч чыксам анан төрөгүм келбей сактанганым эмнем, кой төрөп алайын" деп дагы ойлонду. - Келгениңер жакшы болду балдар, биз үч баланы тең алып Ыссык-Көлгө кетип атабыз, бир айдай жүрүп келебиз го? - Оо абдан жакшы, эс алып келет турбайсыздарбы? - Марс кубаттай кетти, - Азыр көлгө эс ала турган учур. - Ооба, он күн, он беш күн дебей биротоло бир ай барып, жүрүп келбесек болчудай эмес. - Балдар менен кыйналып калабыз десем болбойт, булар да көрүп келсин деп. - Ысык-Көлдөн келгенде алып келсеңер болмок экен? - Салима сөзгө аралашты. - Ой, баланын кыйнаганына кайылбыз, кыскасы чогуу барабыз? - Макулбек бакылдап атты. - Туура кыласыз, бала деген жакшы да, балалуу үй базар, баласыз үй мазар деген. Балдардын көңүлүн көтөрүү керек. Тамактанып болуп Макулбек менен Марс сыртка чылым чеккени чыгып кеткенде Кызгалдак кубанычы койнуна батпай сүйлөп атты: - Курбум, Макулбектин улгайганы мага эч сезилбейт, жаш кезибиздегидей, тим эле эркелетип турат. Эртең менен ойготкондогусун айтпай эле коеюн. Кыскасы бактым бар экен, буга жолукпаганда ким билет? - Абдан жакшы киши тура, турган турпатын эле көрбөйсүңбү? - Ооба, ошон үчүн эркектин сырттаны экен деп ойлогом да. - Бактың кут болсун эми, ушу балдарыңды чоңойтуп алсаң, анан байкеге төрөп берип койсоң өзүңчө эле очор-бачар болуп каласың. - Ой, ансыз деле "төрөп берсең колуңду сууга тийгизбейм" дейт. Баса, Салима, чоң бизгеси бар экен да, төрт чоң дарыканасы, эки жерде бензин сатчу жайы бар экен. - Анан эмнеге өзү машинасы жок жүрөт? - Өзү кызыкпайт экен, эми машинаны мага үйрөтүп алып берем дейт. - Ай-иий ай укмуш го, сен жөн эле көзү ачыктай билет экенсиң ай, болбосо картаң деп койсоң ким билет? - Салима чын эле курбусуна суктанып карап турду. - Чынымды айтсам бул кишини өзүм сүйдүм, бирок көпкө билгизген жокмун, ишенсең ал да мени ошондой ойлоп жүрүптүр. - Эмне деп? - Бирдеме десем сүйлөтпөй качып кетеби деп. - Сүйгөнүңө жетип жакшы болду, ушу бактыңды кармап кал, аял бар болсо көөп кетчү эле? - Салима тамашалай күлдү, анда тымызын ич күйдүлүк да бар эле, ушу тапта. Макулбектердин кобурашып кирип келатканын байкаган эки келин башка сөзгө өтүштү. - Ушунча жоголосуңарбы, кичинеден алдырсаң боло? - Кызгалдак Макулбекти карады. - Мына, мына куйдум, аздан алып коелу, - Макулбек тост айтып алып жиберди. Конок шааниси кылып аздан алып коюп көпкө отурушту. - Эртең жөнөйбүз, келгенде байланышып тургула, - Макулбек эски досундай карап койду Марсты. - Ананчы, келатканда чалып койсоңуз жолдон тосуп алабыз, - деп ал дагы барбаңдады. Бул учурда үч бала үн чыгарбай тамактанып алып өз бөлмөлөрүнө өтүп кетишкен. Алия ичкен идиштерин жыйып коюп инилери менен өз бөлмөсүнө кирип кетти. Марс балдардын тартиптүүлүгүнө таң калды. Башка үйгө барганда кээ бир балдардын ыйлап ата-энесин киши менен сүйлөштүрбөй ызылдаганын көп эле көргөн. - Сиздерди ошол көлдөн келгенде туура биздин үйгө коноктойбуз, аман-эсен барып келиңиздер, - деди Салима. - Туптуура, Салимам акылдуу аял да, - Марс күлүп аялына тийише сүйлөдү, - аялды көп мактаса эмне дечү эле? - Болду эми, мен эмне мактабай турган аял бекемин? - Койдум, койдум байбиче, - Тамакка бата кылып анан кетүүгө камынып сыртка чыгышты. - Ушул чакта жаныбар көлдүн бир сонун учуру да, - Макулбек ойлуу сүйлөдү. - Көл кечке маал тим эле күмүш көбүгүн чачып шумдук болуп калат, айрыкча күн батаарда укмуш көрүнөт, Эми эс алыңыздар, биз эртең жумушка барабыз, үйгө барып биз да эс алалы. - Жакшы баргыла, көрүшкөнчө. - Жакшы барып жакшы эс алгыла, - Кызгалдак Салима менен өбүшө коштошту. Эртеси эле таң заарынан чыгып Чолпон-Ата курортуна жол тартышты. Ушул саам Кызгалдак зымыраган машинада келатып табийгаттын сулуулугуна суктанып баратат: "Эx жараткан, ушул күнгө туш кылганыңа ыраазымын, өмүр бою Макулбектин кулу болууга даярмын, балдарым жанымда, көңүлүмдү көтөрүп сыйлап турган жубайым бар, бактылуумун, бактылуумун!" деп жар салып жаратылыштын коюнун жаңырта кыйкыргысы келип эргип, жүзү албыра бактылуу жылмайып алды. Макулбек алдыда шофер менен бакылдашып сүйлөшүп баратат. Кыязы ал дагы бактысына ыраазы өңдүү. Маңдайы жаркын кубанычтуу күлмүңдөп улам Кызгалдакты карап коет. Узак жолдо балдары уктап калган, Алия четте жолду тиктеп кооз жерлерди таңыркай карап үнсүз: "Садагам, - деп койду Кызгалдак ичинен кызына ичи жылып, - эмитен токтоо, ой жүгүртүүсү жакшы, деги аман болуп бактылуу жан болсо экен". Асфальт жолдо зымыраган машина адамдын оюн өз дөңгөлөгүнө ороп алда кайда алып учат. Мына, Чолпон-Атага да кирип келишти. Дал жатакананын жанына түшүрүп коюп такси өз жолун улады. Макулбек документтерин алып администраторго кирип бир аздан кийин бир аял менен кайра чыкты да: - Жүргүлө, жатаканага барып жүктөрдү коюп анан тамактаналы, - деди ал Кызгалдакты карап. Эки уулу бөжүрөшүп кол кармашып алган. Кызды Макулбек колдон алды. Негедир Макулбек Алияны өтө жакшы көрөт, кадимки өз канынан жаралгандай. Кенен, жарык чоң бөлмөгө келип, жайгашкандан кийин Замир менен Амир уктайбыз деп болбой жатып алышты. Үчөө ээрчишип тамактанчу жерге барып отуруп каалаганын заказ беришти. Жолдо чарчаганбы, Алия тамак жебей койду. Болгону суусундуктан Кола алып берди эле, ошону ичти. Макулбектин көңүлү жайдары, Кызгалдак экөө шашлык менен пиво ичип көпкө отурушту да, кайра Замир менен Амирди ээрчитип алып көл жээгине жөнөштү. - Касиетиңден айланайын Ысык-Көлүм, биз келдик, жээгиңде ырахаттанып сүйүүнүн бар экенин жар салууга, таза абаңдан кере жутуп дем алууга келдик! - Макулбек эки колун кере көл тарапка таазим эте саламдашкандай жүгүнүп койду. Балдар кум үстүндө кубалашып өздөрүнчө улам көлдүн шарп-шарп этип жээкке урунуп кайра тартылып жаткан толкунуна кызыга кечип жүрүшөт. Кызгалдак Ысык-Көлдү биринчи көрүшү. Айланасы эс алып жаткан элге толгон көк ирим көлдү тиктеп ойлуу: - - Касиеттүү көлдүн ушунчалык чоң анан сулуулугун көрүп турам Маке, көрчү кандай сонун, күн ылдыйлап баратат, күмүш нурлары көлгө чагылышып кооздугун айтпа! - Бул көл канча сырды жашырган дейсиң, ар бир толкунунда эчендеген сүйүшкөндөрдүн арманы да, бактысы да катылган, - Макулбек Кызгалдактын ийнинен кучактай жүзүнөн өөп койду, - Көрсөң мына бул толкун экөөбүздү куттуктагандай шарпылдап жатканын. - Ананчы Маке, мен сени менен сыймыктанам, менин бактыма жаралган жандай сүйгөн жарым экениңе кубанып не дээримди билбей турам, - Кызгалдак күйөөсүнө жалжылдай карады, - Сенчи Маке, мага үйлөнгөнүңө бактылуусуңбу? - Жаным менен бактылуумун, мен азыр өзүм сенин жаныңда турсам да көктө учуп жүргөн кезим, сени мага кошуп койгон тагдырыма ыраазымын! - Алтыным.. . - Кызгалдак анын төшүнө башын жөлөп көздөрүн жумуп көпкө турду. Кечки көл жээгинде эл азыраак болгон менен ойноп жүргөн элеттик балдар, кыз-жигиттер улам сууга жетелеше чөмүлүп кирип кайра чыгып бул экөөнү кызыга карап коюшат. Экөө анан жаңы эле бири-бирине сүйүүлөрүн тартуулап турган кыз-жигиттей кыналышып турган. Бири-бирине куп жарашкан жубайлардай. Бири улгайып, эчендеген сырды жүрөгүнө катып тиш кагып калган болсо да, селкисинин жанында тамашакөй, шайдоот, жүзү бактылуу, сымбаттуу көрүнөт. Бул күнү көл менен таанышып балдарынын ойноп жүргөнүнө, бактылуу жүздөрүнө элжиреген Кызгалдак Макулбектин жанында көл жээктей басып жүрүштү: "Аттиң, бул күндөр да өтөөр, ылайым ушул бактымдан ажырата көрбө, батып бараткан күндүн да өкүнүчү болоор, кайра жер жүзүнүн кооздугун көрүп не деген кызыктарга бай адам баласынын ар кандай тагдырына күбө болгусу келээр, кайрадан жаркып чыгып жер жүзүнө нурун чачыраткысы, не деген аруулуктарын аймалап өпкүсү келээр", Кызгалдак ушинтип ойлоп баратат. Макулбек да өз ою менен алек: "Аттиң, ушул бактым кырк жыл мурун болгондо эмне?! Ушунусуна да шүгүр, батып бараткан күнгө окшоп аздыр-көптүр жашоо ырахатын көрсөм болду, өмүргө тойбой баратам, деги пенде жашаган сайын жашагысы, өмүр ырахатын көргүсү келе берет тура, жүрөк чиркин карыгысы келбей улам жаңы жашоого үндөй берет экен, кайран өмүр.. . " деп өкүнүчү, арманы ушул бүгүнкү бактысы бир тең болуп баратат. - Кой жаным, балдардын карды ачты, чарчап да келди, кеттик, - деди Кызгалдакты колтуктай. - Алия, Замир, баскыла, Амирди жетеле! - Кызгалдак балдарын чакыра кол булгады, - болгула! - Оой азаматтар десе, кандай, көл жактыбы? - Макулбек ар биринин жадыраган жүздөрүнө тигиле сурады, - Алия, сагачы кызым, көл жактыбы? - Ооба ата, жагып калды, эми эртең кетип калабызбы? - Алия балалык кыялы менен тез эле кетип калгысы келбей, көл тарапты суктана карады, - Карасаңыз, тээтигил жерде күндүн жартысы турат! - Күн батаарда көл менен ошентип өбүшүп коштошот, эртең менен саламдашып чыгат. - Чынбы, коштошуп жатабы? - Чын, азыр күн уясына кирет, бир аздан кийин ай чыгат. - Ай дагы көл менен саламдашабы? - Ананчы, - Макулбек кыздын тирикарактыгына кубанып аны чачынан сылай өөп койду, - Жан-жаныбарлар да бир-бири менен саламдашат, кызым, - деди анан ойлуу. Бактылуу, бири-бирин толуктап бир үйбүлөгө айланган бул адамдарды эч ким башкача ойломок эмес. Кечинде ачык, салкын кафеде отурушту. Балдар алдына койгон тамактарын үнсүз отуруп ичишти да ордуларынан тура баштаганда: - Эми силер барып бөлмөңөргө жата бергиле, - деп Кызгалдак акырын айтканда жетелешип кетип калышты. - Асылым, кандай жакшы балдарды төрөгөнсүң, абдан сүймөнчүктүү да, тартиптүү да? - Макулбек балдарды артынан карап унчукту. - Мен буларды өзүм ойлогондой тарбия берүүгө аракеттендим, бирок негизи өздөрү кичинесинен мүнөздөрү ушундай, - Кызгалдак жылмая сыймыктанып койду. - Асылзаадам менин, эми мага да бир өзүңө окшогон сулуу кыз төрөп берсең өлбөс болот элем. - Буйруганы болоор Маке, мен деле сени бир кубантсам деп ойлоп жүрөм. - Жаным менин, кичине винодон ичелиби? - Жо-ок кой, пиво эле ичели, ушу ичкиликтен көңүлүм калган, андан көрө экөөбүз пивону деле ичпей койсок не болот? - Эми биз эс алып жатабыз да гүлүм, эс алууну ойдогудай өткөрсөк үйгө барганда ичпейбиз. - Мейли эми, аз аздан ичсе ичели. - Кызгалдак күлүмсүрөй күйөөсүнө эркелегендей үн катты. - Бу ичкиликтин адам баласына зыяндан башка пайдасы деле жок. - Берекем, акыл менен ичсең көңүлүңдү көтөрөт, дүйнөң түгөл болуп жандан артык бактылуу болуп каласың да муну ичкенде. - Анысы го бар, биз айрыкча кыргыздар кээде аялдарды деле көрүп жүрбөйбүзбү, бир ичкенден кийин үстү-үстүнө иче берип акчасы жок болсо: "нидагон болуп атам" деп карыздап ичип бутуна тура албай калганда да "арак" деп атып кулап калганын сезбей калышат. Эртеси баш жазат, кайра мас болот, ошентип берилип кеткенин билбей калышат. - Кудай сактасын, биз акыл менен ичебиз, - Алдына келген пивону ууртап коюп көпкө отуруп, анан ары-бери басып жүрүштү. Курорттун жан жака бели жаркыраган свет, экөөнө окшоп басып жүргөндөр, отургучтарда отуруп алып сүйлөшүп жаткандар көп. Тиги отургучта кыналыша отурган адамдарды карап койду Кызгалдак, келгенде эле көргөн: "бактылуу кишилер экен, бирге өмүр сүрүп, көп жашаган го, эрди-катын сыяктуу, балдары өзүндөй болуп калса керек" деген ойдо болгон. Экөө тең элүүнүн аркы-беркисиндегидей, экөө тең суктанаарлык ажарлуу, кайда болсо колтукташып бирге жүрүшөт. Алар сүйлөшүп отурганда көрсөң эки көгүчкөндүн тумшуктарын тийгизе чукулдашып жатканы сыяктуу көрүнөт. Көгүчкөн сүйүүнүн символу дешет эмеспи. Ал эки адам өмүр бою бирге жашаган менен балалуу болбогон жубайлар экенин Кызгалдак кийин билди. Келгенине он күндөй болуп калган, балдары менен көл жээгинде кумда отурган. Макулбек көлдө жүргөн. Тигил аял жанына басып келип балдарына конфет берип Кызгалдакты карап: - Уулдарың менен ырахаттанып отурасыңбы? - деди жылмая. - Ии, сиз эс алып жүрөсүзбү? - Ооба, жолдошум келгиче жалгыз зеригип кеттим. Анан сени көрүп басып келбедимби. - Отуруңуз, - Кызгалдак ал аялды жылуу жүз менен карады. Ал отуруп атканда, - жолдошуңуз кайда кетти эле? - деди. - Ал жумуштары менен кеткен. - Жолдошуңуз менен эс алып жүргөн экенсиз, балдарыңыз чоңоюп калган да ээ? - Оx, - деп алды аял, - балабыз жок айланайын, өмүр бою ушул көл жээгинде өскөм, жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жыл болду, төрөбөдүм.. . - деп отуруп калды. - Кечириңиз, - Кызгалдак ыңгайсыздана кечирим сурады. - Эчтеке эмес, канча адам сурабады дейсиң, ушул суроо берилгенде ызаланып ыйлап да жүрдүм, ажырашалы деп айтсам күйөөм болбойт.. Баса, атың ким, таанышып алалы, менин атым Акмончок. - Меники Кызгалдак. - Аа-аа жакшы, үч балаң бар экен, тиги жаныңда жүргөн киши күйөөңбү? - Ооба эже. - Бактылуу экенсиң сиңдим, мен баарына жеттим, бир гана кудайдан зар ыйлап бала төрөй албадым, - Муңая сүйлөдү Акмончок. - Капаланбаңыз эже, кудайдын буйруганын көрөт турбайбызбы. - Ошол экен да, болбосо күйөөм чоң кызматтарда иштеди, үй десе үй, дүнүйө мүлк бар, жыл сайын келип көлдө эс алабыз, бир гана бала деген оорубуз экөөбүздү санаага салып келет, же ажырашып аял ал, балалуу болуп калаарсың, бактыңды, жолуңду тоспойун десем болбойт. - Күйөөңүз сизди катуу сүйсө керек? - Кызгалдак тамашалай күлдү, - канчадасыз? - Ооба, биз бири-бирибизди сүйүшүп үйлөнгөнбүз, "же бирөө менен жүр, төрөсө багып алалы" десем болбойт. Жашым элүү беште. - Сизге сүйүп үйлөнсө, башкага көңүлү жоктур да? - Аа-аа сиңдим, кайдан. Күйөөмдүн азыркы убакта менден бөлөк аялы бар, мен билбей жүрүп жакында эле билдим, андан эки эркек баласы бар экен, мен ага таарынып төркүнүмө кетип калгам, өзү барып алып келип аялы менен тааныштырган. Көрсө ал аялды "төрөп бер, аялым багат" десе: "Мен бирөөгө төрөп бергидей бала буюм бекем, балалуу болгуң келсе мени менен жаша" деп болбой коюптур. - Анан эмне болду? - Ага барып, баарын даярдап берип коюп мени менен жашап жүрөт, "балдарың турат аны менен жаша, мен анда-мында келип кем-каржымды даярдап берсең жашай берем" десем болбойт. - Азыр экөөңүздөр абдан ынтымактуу, сыйлуу жакшынакай жүрөсүздөр, сыртыңыздардан көрүп аябай суктанган элем, эже. - Көргөндөр суктангыдай жан элек, экөөбүздүн ортобузда баланын гана жогу арман болду, кантейин. - Кейибеңиз, балаңыз болбосо да сизди сүйгөн адамыңыз сүйүүсүн өчүрбөй келатканына кубаныңыз. - Кубанганда кубанып, кайгырганда кайгырып коюп өмүр өтүп жатат, андан башка айла канча? Ошол кезде Макулбек суудан чыгып келип Кызгалдактын жанына кумга жата кетти. Акмончок өзү ал келатканда ары басып кеткен. - Тааныштыңбы тигил аял менен? - Макулбек кызыга сурап койду. - Өзү зеригип басып келиптир, сүйлөшкүсү келсе керек. - Ии да, күйөөсү бекен жанындагы? - Ооба, күйөөсү экен. - Жарашкан түгөйлөр ээ, Кызгалдак? - Мен да ошондой деп ойлойм, бирок бул аял төрөбөптүр. - Ошонусу жаман экен, балдары жок турбайбы анда? - Башка аялы бар экен, эки эркек төрөп бериптир, бирок ал киши бул аялын жакшы көргөндүктөн тигилерди баардык жактан камсыз кылып коюп өзү муну менен экен. - Ой кызык, кыйын эркектер көп ээ, мен алтымышка чыккыча бир аял ала албай жүрсөм эл экиден алып ийишет, - Макулбек тамаша айтып күлүп Кызгалдакты карады. - Сиз бизди гана күтүп турсун деп заказ кылгам кудайга! - Кызгалдак да күлүп калды. - Во молодец, туура кылгансың! - Макулбек каткырып калды, - ошонуң чын болсо керек? - Калпычы эмесмин. - Эми балдарды мен карап турам, барып сууга түшүп кел, - деди Макулбек эмелеги тамашасын унута. Кызгалдак балдары менен сууга түшүп арылабай эле ойнотуп жатты. Кызы арыраак барып эле кайра келет. - Апа, коркуп атам. - Коркпо, силер жээктен жылбагыла, мен Алияга сууга сүзгөндү үйрөтөм, - деп балдарына эскертип Алияны арылатып алып баратканда Алия энтигип бакырып ийди: - Барба-айм, корком апа! - Ой жинди десе мейли, чоңойгондо үйрөнөсүң, ээ? - Кызгалдак кызын кайра жээкке алып келип, өзү ары көздөй сүзүп кетти. Көптө кайрылып келатканда Макулбек жетип суу ичинен кучактап калды: - Тим эле шумдук сүзөт экенсиң, кел экөөбүз сүзүп келели! - Балдарды чыгарып коеюн, анан экөөбүз жарышабыз. - Ма-акул анда, - Макулбек суунун терең жеринде калып, Кызгалдак жээкке келип балдарын суудан чыгарды: - Үшүп кеттиңер алтындарым, кумга жата бергиле, биз азыр келебиз, - деди да сууга түшүп сүзүп жөнөдү, - Макулбе-ек, мен барата-ам! - Келе бер, азыр сенин кыйын сүзгөнүңдү көрөйүн. Экөө катарлаша калып сүзүп баратканда Макулбек андан ары бара албасына көзү жетти да, - Токто, мен жеңилдим, кайра артка! - деди энтиге. - Жо-ок болбойт, дагы он метрден сүзүп барып кайтабыз, - дегиче Макулбектин төбөсү бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй баратыптыр. Чоочуп кеткен Кызгалдак кайрыла калып ага жетип келсе чөгүп бараткандай шалдайып калыптыр, дароо колтуктай калып жээкке алып жөнөдү. Жээкке чыккандан кийин көпкө жатты: "Бекер ойногон экенмин, кантсе да картая баштаган немеге кыйын болуп калмак" деп өзү коркуп кетти Кызгалдак. Ошондон кийин Макулбек жарышканды койду: "Жаш эмеспи, "каргага теңелип каздын буту сыныптыр" дегендей мени кудай урсачы, кайран күч-кубат кете баштаган экен" деп өзүнчө ичтен ойлонуп алды. Бир күнү балдарды кайыкка салып ойнотмок болду эле Алия менен Амир болбой түшпөйбүз деп туруп алды. Замир болсо эдиреңдеп түшүп, ата-энеси менен ойноп келди. Келгендерине он беш күндөй болуп калса да балдар сууга көнө албай, Амир бир күнү ысытмалап калды. Кызгалдак чарк көпөлөк айланып ага дары-берип, жылуулап жаап жанында. Макулбек дары-дармегин камдап алып келет. Врачтар аны өпкөсүнө суук тийген дешип дарылап кирди. Ошондон кийин Алия менен Замирди сууга алып барбай бөлмөдө карап калышты. Амир жакшы болгондо Кызгалдак: - Кетсек кантет? - деди Макулбекке. - Дагы үч-төрт күн жүрө туралы, анан кетебиз жаным, балдарды биерден карап турат, экөөбүз көл жээгинде жүрүп жакшы эс алабыз, сен балдарга көңүлүңдү бөлүп атып эс алганыңды да билбей калдың го? - Маке, балдарымдын, сенин амандыгың мен үчүн чоң эс алуу, силер маңдайымда болсоңор эле болду. - Ырысым десе, бүгүн балдар уктаганда көл жээгине басып келелиби? - Макул, сенин айтканың мен үчүн закон, баш тартуу деген болбойт! - күлүп калышты. Ошол түнү экөө көл жээктей көпкө жүрүштү. Бир кезде көлдүн так ортосу тараптан үн угулуп, ал жардамга чакыргандай болуп жатты. Кызгалдак Макулбекти бекем колтуктап алып коркуп кетти. - Бул эмнеси, ушул учурда дагы көлдө киши жүрөбү? - Жети түндө ким жүрмөк эле, көлдө эчен сырлар бар дебедим беле, ошонун бирөөдүр да? - Макулбек жылмайып койду аны сынай, бирок караңгыда аны Кызгалдак байкабады. - Койчу, чын элеби? - Мен сени калп айтып алдап жүрдүм беле? - Жүр кетеличи, кудайым ай, караңгыда келбей эле койбой, сыр берет, атайын көрүнчү көрүнөт дешсе ишенчү эмесмин, кой тез кетип калалы. - Жо-ок, мен ошол сырды көрүп, аныгын билишим керек! - Койсоңчу, бол эрте! - Болбойт! - Кызгалдакты бекем кучактап алып бастырбай туруп алганда ары жактан кайык менен жаштар ызы-чуу болуп каткырып жете келишти, - Мына көрдүңбү? - Макулбек каткырып аларга ээк жаңсады. - Ой-ий, менин жүрөгүм түшүп калбадыбы? - А мен алардын кетип атканын көргөмүн, атайын сени тамашаладым. - Ушунча тамашалайт бекен, кокус чындап коркуп калсам эмне болот? - Менин кыз Сайкалым сен эр жүрөксүң, коркпойсуң, - деп кучактап өөп анан бөлмөлөрүнө жөнөдү жай басып. Билинбей дагы бир жума өтүп үйлөрүнө жөнөмөй болушту. Кызгалдак дароо эле Салимага чалып койгусу келди. - Чалсаң чал, таарынып калбасын. Экөө телефонго барып жолго чыгаарын айтышты эле вокзалдан тосуп алмай болду. Балдары бойтоңдоп таксиге түшөбүз деп кубанычтары койнуна батпай калышты: - Үйгө кетебиз ээ, апа? - Биз көлдө жүрүп келдик дейбиз да. - Ооба, сен сууга түшө албай койдуң го? - деп биринен-бири өтүп кыткылыктап күлүп атышты. Балалык кез кандай гана бакыт, ой-санаа дегенди билбей, таңдын атканына, күндүн батканына чейин оюн менен алек болот эмеспи. Кызгалдак балдарынын сөздөрүн угуп кулагы тойбойт, өзүнчө жылмайып коет: "садагаларым десе, ушул бойдон жамандык көрбөй чоңойсоңор экен, багыбызга атаңар аман болсун" деп Макулбекти уурдана карап алды. Ал да балдардын божурашканына кубанып карап отурган. Такси тез эле келди. Заматта Бишкек жолуна түшүп зымырай жөнөштү. Кайрадан термелип жолдон көзүн албай келечекте алдына максат коюп баратты Кызгалдак: " Макулбек мени иштетпейт, мейли иштебесе иштебей эле коеюн, кем карчым болбосо, киймим бүтүн, кардым ток, балдарым жанымда, мага дагы эмне керек, көзүмдүн агы менен айланып отурган адамдын көңүлүн оорутуп иштейм десем болбойт, анын үстүнө мен жаш болсом, кызганып да жүрбөсүн" деп ойлоп астыда отурган Макулбекти карап койду. Ал божурап дагы эле шофер менен сүйлөшүп баратат: "Бу деги сүйлөөк адамдар эмнени сүйлөшөт болду экен, мен сүйлөгөнгө сөз таппай калам, кызык мен өзүм сөзгө жок окшойм" деп да ойлоп алды. - Алар таксиден түшөөрү менен эле Салима менен Марс жолугуп машинасына салды да өз үйлөрүнө алып жөнөштү. Келишсе эбак эле козу союп казанга салып коюптур, эт бышаарына аз калган экен. Шамбет ошол жерде экен. - Кандай тага, жакшы эс алып келдиңерби? - Жакшы-жакшы, өзүңөр кандай турасыңар, эжем жакшы жүрөбү? - Баары жакшы, өзүңүздүн денсоолугуңуз дуруспу? - Жакшы раxмат, өз иштериңер кандай? - Нормально, тага! - Азамат, жумуштун көзүн таап алдың, эжемди карап атасыңарбы? - Карабай анан, колумдан келгенин жөнөтүп турам, короче бүт обеспечение менден, тага. - Аз-замат, силерди бакты, чоңойтту, окутту, эмки кезек силердики да? - Макулбек күлүп калды. - Сөзсүз да. Алар бир туугандарча сүйлөшүп отурганда сыртта жүргөн Кызгалдак кирди эле Шамбет ордунан тура калды. - Кандай тажеңе, жакшы келдиңерби? - Жакшы раxмат, өзүңөр кандай, эжемдер жакшыбы? - Жакшы-жакшы, . - Кызгалдактын өңүнө кирип ого бетер чырайына чыга түшкөнүн көрүп көздөрүн ала качып тайсалдап кетти: "каап тажеңем болоорун билгенде жолукпай койбойт белем, эми көргөн сайын ич тызылдап жүрүп өтөм го?" деп ылдый карап отуруп калды. Кызгалдак эч нерсени билгизбей балдарын отургузуп алар менен алектенип отура берди. Салима менен Марс жан алы калбай балдарына бир үйрүлө калып Макулбек менен Кызгалдактын ал абалын сурап атышты: - Көл жаныбар сонун болуп тургандыр, байке? - Марс отура калганда сурап калды тамшана, - биз буйруса келээрки жылы барабыз, быйыл жумуш көп. - Ой, укмуш көлкүлдөп күмүш көбүктөрү чачырап турган убагы экен, эл көп. - Азыр сезону да. - Ооба, ичинен чыкпай жата бергиң келет, - Аңгыча Салима оокатын көтөрүп келип калды. Марс тура калып жардамдашмак болуп кошо чыкты. Козунун эти алдыга келгенде койкойгон импорт вино, пиво кошо келди. Кобурашып отуруп аз-аздан винодон ичип черлери жазылды. Кетээринде Салима Макулбекке костюм-шым, көйнөк, калпак кийгизди. Кызгалдакка болсо жаңы чыгып аткан жакалуу лама пальтосун алып келгенде ал ыргып кетти: - Салима, бул эмнең, кой мынчалык чачылба, мен эмне келип эле жүрбөйүнбү, мунуң болбойт! - Ошо кантип болсун, мурда курбум элең, азыр сени Марс экөөбүз тун кызыбыз деп күлүп калабыз, - Салима болбой эле пальто менен көйнөк, жоолукту пакетке салып жанына койду да үч баласына да өздөрүнө чак кийим алып келип өзү кийгизе баштады. Кызгалдак ого бетер чебеленди эле аны Марс менен Макулбек тыйып койду. Айрыкча Алияга алган көйнөгү тим эле жарашып калды: - Алияма атайы заказ менен тиктиргенсиң го, Салима? - аны карай Макулбек күлүңдөп койду. - Алияга өзүм тандагам да, кана Алия, көйнөк жактыбы? - Ооба жакты, - Алия кудуңдай карап койду эле Салима аны бетинен өөп эркелетип, - Кана жигиттер, силерге да жактыбы? - деп жанындагы балдарды карады. - Ооба. - Жакты, - деп экөө тең жарыша айтты. Андан кийин дасторконго бата кылып жолго чыгышты. Шамбет дагы алар менен жылуу коштошуп кала берди. Түнкү он бирлерде аларды Марс өзү жеткирип анан кетти. Шамбет өз машинасы менен үйүнө жөнөп кеткен. Кайра келген Марс Салимага дагы бала жөнүндө сөз козгоду: - Кызгалдактын кызы абдан жакшы кыз болот, инилерин ошол эле башкарып, бейбаштык жасаса акырын гана урушуп коет экен. - Кичинесинен ал базарда жүргөндө ошол кыз бакты да, анан балдар аны укпаганда кимди угат. - Ошону айтсаң, дээринде бар кыз, - Марс ойлуу туруп анан, - Салима, биз дагы биринчи кыздуу болобуз ээ, анткени кийинкилерин өзү багат, экөөбүз жумушта жүргөндө. - Кыз жакшы, улуусу кыз болсо колуң да узарат, - Салима өзүнчө ойлуу отуруп калды. - Доктурга көрүнүп келчи Салима, балким боюңа болуп калса кыйналып жүрбө билбей калып. - Ой боюна болгон аял талгак болот, кусат тамак иче албай, а мен жөн эле жүрбөйүнбү, эмне эле шашасың, келгениме бир жыл боло элек го, бир, эки жылдан кийин деле төрөйт экен кээ бирөө, - Салима таарына түштү, - "Качан төрөйсүң?" деп жанды койбодуң го тим эле.. - Кечирип койчу жаным, мен тез эле балалуу болгум келип атпайбы? - Анда башка аял алып төрөтүп ал эртерээк! - Салима бултуя ары карады. - Койчу эми, периштем менин, карлыгачым менин, кечирдиң ээ? - Марс аялын кучактап кытыгылап өпкүлөй баштады. - Болду таарынбайм, анан сеники жакшыбы, жүз жыл өтүп кеткенсип "бала, бала!" дейсиң, кудай буйруган күнү болот да. - Койдум эми, эч айтпайм, - деп кучактап эркелетип койуп сыртка жөнөдү, - Төшөк сал эми, жатып эс алалы, эртең эрте кетем. Салима үндөгөн жок, төшөгүн салып атып: "чын эле эмнеге сактандым экен, эртең Марска айтпай врачка көрүнүп келейин" деп ойлонуп калды. Эртеси жумушуна барып жооп сурап алды да гинекологго барып кезек күтүп туруп боюнда бар келиндерди көрүп ичи тызылдап кетти. Кезек күтүп атып жанындагы келин менен сүйлөшө кетти: - Биринчиңби? - Жо-ок, экинчим. Баламды эмизип жүрүп эле боюма болгонун билбей калыптырмын. - Канчадасың? - Жыйырмага чыктым, биринчи балам он сегизимдеги, муну алдырып коеюн дегем, жолдошум болбой койду. - Жапжаш экенсиң, эрте турмушка чыктың беле? - Он жетимде эле ала качып кеткен, "кетем!" деп чыр салсам атамдар "босогону аттагандан кийин болбойт, отурсун" деп жеңемди жөнөтүп ийиптир, анан ыйлап-ыйлап отуруп калгам, - Келин божурап сүйлөп берди, - Сиздин канча балаңыз бар? - Жок! - деп Салима селт эте түштү, ал минтип сурайт деп ойлогон эмес, ойлуу отуруп калды. - Кеч чыктыңыз беле? - Кайра сурады ал. - Ооба кеч чыккам, - Салима көңүлсүз жооп берди, аңгыча тигинин кезеги келип кирип кетти: "Чын эле балалуу болууну ойлогон эмес экемин. Өзүм күйөөгө кеч чыксам, кайра сактанып жүргөнүмдү кара; врачка ачык айтып көрүнөйүн" деген ойдо отурду. Кезек менен кирген Салиманы караган врач гинеколог: - Кулагым сизде, айта бериңиз, - деди. - Эже, мен көрүнөйүн деп келгем, күйөөгө чыкканыма бир жыл болот жакында, анан.. . анан мен төрөгүм келбей дары менен сактанып жүргөм, жакындан бери күйөөм бала төрөп бер дей баштаганда токтоттум, зыяны жокпу, төрөймбү? - Адегенде көрөйүн, анан айтам, чечинип жат! - деди врач дароо эле. Салима креслого жатты, врач ар кайсыны сурап көпкө көрдү да, - Түшө бер, - деди. - Эже боюма болобу? - Азыр.. . - врач колжуугучка колун жууп келип ордуна отурду да Салиманы тике карап, - Сен сактанбасаң деле болмок эмес, анткени сенин боюңа таптакыр болбойт! - деди. - Эмнеге?! - Салима заманасы куурула сурады, - Такыр төрөбөймбү? - Мен сени сооротуп алдап "төрөйсүң" деп калп айта албайм, сенин жатыныңдагы урук бала кезиңде эле куурап калган, суук тийип оорудуң беле? - Билбейм, эсимде жок, дарылансам болбойбу, эже? - Салима жалооруй сурады. - Дарыланып көр, бирок үмүт жок. - Дары, укол жазып бериңиз, аракет кылып көрөйүн.. . - Болуптур, менден эмес кудайдан, аракет кылып көр, күйөөңө суук тийгенин ачык айт! - врач кичине кагазга бирдемелерди чиймелеп бере салды, - Кудай жардам берсин! - Ма-акул эже, раxмат, - Салима көңүлү чөгүп чыга жөнөдү. Ошондон баштап Салима көзү ачыкка да барды. Сүйлөшүп алгансып ал дагы төрөбөйсүң деди. Эч кимге көрүнбөй ыйлап алды. Көз алдына бөйпөйгөн Кызгалдыктын балдары келди, ого бетер ызаланды, ыйлады. Марска эч нерсе айтпады. Болгону дарыланууну баштады, бирок андан пайда болбоду. Арадан билинбей дагы эки жыл өтүп кетти, ошондо гана: "Марсты алдап жүрө бергеним болбос, жакшы эле далбастадым, кана болгону, төрөбөс болуп калган турбайынбы, айла канча, ачыгын айтайын" деген ойго келди. Марс жумуштан келээри менен алдына тамагын коюп маанилүү сөз айта тургандай ойлуу отуруп тамактанып бүткөндө: - Марс, мен врачтын кабыл алуусунда болдум, - деди. - Ийи анан? - Марс кубана аны карады. Анткени баягыдан кийин эч бала жөнүндө сөз козгой элек болчу. - Марс, мен төрөй албайт экенмин.. . - Салима көздөрүнө жаш толо буулугуп кетти, - Баары бүттү Марс, эми сен каалаганыңды кыл, экөөбүз ажырашуубуз керек! - Салима, сен эмне деп жатасың, айтчы дурустап, бир нерсеге түшүнсөм өлөйүн. Салима көпкө үн чыгарбай ыйлап отуруп, анан баарын айтып берди: - Мен ишенбей өз алдымча дарыланып да, молдо кожого да барып көрдүм, баарынын сөзү бирдей болуп атат, үмүтүм үзүлдү. Марс, мен сени качанкыга алдап жүрө бермек элем? - Койчу жаным, ыйлабачы, кантип эле ошондой болсун, бирөө эрте төрөйт, бирөө кеч төрөйт, чыдайбыз, күтөбүз, анан баары жакшы болот. - Куру ойго алданып жүргүм келбейт, ушундайда сен да жолуңду тап, мен сени алдап убактыңды өткөрүп туубас аял дедиртип жүргүчө.. . - Буулугуп, буркурап ийди. - Жаным менин, карлыгачым, чоң-чоң доктурларга алып барам, сен төрөйсүң, - Салиманы кучактап отуруп бетинен өпкүлөп сооротууга аракеттенди эле ал көкүрөккө түртүп ордунан туруп кетти: - Марс, сен мени түшүн, мен эле ошону каалап жатат дейсиңби, билсең менин тагдырым, бактым, максатым - баары ойрон болду, талкаланды! - Жок-жок, сен антпе, мен сени эч убакта таштабайм, өмүр бою сенин жаныңда болом. Баса, мен эртең жумуштан жооп сурап экөөбүз врачка баралы. - Мен эч жакка барбайм! - Эмнеге, өзүм көрсөтүп, жакшылап сүйлөшөйүн, эч нерсени бала үчүн, сен үчүн аябайм! - Сен менин ансыз дагы эки жылдан бери эзилген жүрөгүмдү кыйнап атасың, сага айтпай төрөп алам деген үмүт менен жүрбөдүмбү?! - Баары бир мен сени көрсөтөм, дарылатам! - Марстын өз сөзүнө тураарын билген Салима андан ары унчукпады: "Мейли өзү билсин, өз кулагы менен уксун, ошондо түшүнөөр", деген ойго келди. Эртеси эрте турушуп медицина илимдеринин кандидаты, аялдардын врачы Эркинбек Айтбаевичке келишти. Салима сыртка чыгып кетти. - Жигит, аялыңыз уруксуз экен, кыскасын айтканда төрөй албайт, капа болбоңуз! - Эркинбек Айтбаевич акырын айтты, - эч кандай жардам кыла албайбыз. - Кантип, дарыласа.. . - деп келатканда врач колун көтөрүп токтотту: - Дарыланыш үчүн анын өзүндө бир нерсе болуш керек, уругу жок аялды дарылаганда не, дарылабаганда не? - Кечиресиз.. . - Марс шалдая сыртка чыкты. Салима аны күтүп машинада отурган. Ал келди да рулга отуруп айдап жөнөдү. Эч кимиси үндөбөдү, сөз баштоодон экөө тең сактанып үнсүз өз ойлору менен алек болуп келе берди. Үйүнө келип токтогондо гана: - Салима, сен үйдө туруп тур, мен жумушума жолугуп кайра келем, - деп кайдадыр кетип калды. Салима жаңы эле үйгө кирип диванга отура калып ыйлай баштаганда телефон шыңгырап калат. Трубканы алган Салима: - Алоо, угуп атам, бул ким экен? - деди көңүлсүз. - Ало, Салима кандайсың, деле кабарлашпай кеттиң да, ойлосом жарым жыл болуп баратыптыр. Салима сүйүнчү, менин боюмда бар экен, кечээ врачка барып учетко туруп келдим, Макулбектин сүйүнгөнүн айтпа тим эле жер баспай учуп жүрөт. Билсең, ал мен төрөгөн күнү машина белек кылам деп атат.. . - Андан ары Салиманын кулагына Кызгалдактын сөздөрү кирбеди: - Ыя?! - деген бойдон эч нерсе укпай көздөрүнүн жашы он талаа болуп тура берди, Кызгалдак андан жооп күтүп: - Ало, ало, Салима, угуп атасыңбы, ало! - дей берди. Бирок көптө барып эсине келген ал: "Кызгалдак таарынып калат го, мен бейбак бирөөнүн бактысына ичим тарып атабы, өз пешенебиз буйруганын көрөбүз да, пенде" деген ойго келип: - Кызгалдак угуп атам, сүйлөй бер, сенин кубанычыңды тең бөлүшөм, - деди ыйлагандай түрдө үнү каргылдана. - Салима, сен ыйлап атасыңбы? - телефондон кайра сурады. - Ооба курбум, сенин кубанычың менин да кубанычым эмеспи, ошон үчүн ыйлап жатам! - андан ары сүйлөй албай буркурап ийип телефонду койуп койду: "Оо кудай, бул эмне деген азабың эле, бирөөнө баарын, кызын, уулун, бактысын кошо берип, мен бейбактан бир наристеңди аядыңбы, неге?! - деп бүк түшүп полду эки колдоп койгулап өзүнүн эмне болуп жатканын билбей: - Мен наристе жытын искеп, ыңаалаган үнүн угуп, эне болуп эмчек эмизип, алтымыш тамырым ээрип, баланын ырахатын көрүүгө татыктуу эмесминби, анда неге мага жашатып өмүр бердиң?!" деп өксүп жатканда Марс кирип келип Салиманын аянычтуу түрүн көрүп көтөрүп алып диванга жаткырды: - Салима, сага эмне болду? - деп күйпөлөктөп, саксайып кеткен чачтарын ирээтке келтирип тынчтандырып жатты, - Мынча неге өзүңдү кыйнап атасың? - деген менен өзүнүн абалы деле мындан жакшы эмес эле: "Байкушум ай, неге мындай болду тагдырыбыз, эки жакшы кошулбайт, кошулса бир жагынан кем болот" дегени ырас го, жо-ок мен Салимасыз жашай албайм, таштабайм, баласыз деле жашаса болот" деп өзүн-өзү сооротуп отурду. Салима эс ала түштү. Өзү да билбейт эмне болуп кеткенин. Диванда жаткан бойдон үн дебей ары карап жатып калды. Өзүнө өзү тобо келтирди: "Кудайым ай, кечире көр, мендей алсыз, акылсыз пендеңди, көтөрө албай кеттим. Кой, Кызгалдак эмне деген ойдо калды, акылымдан азсам да адамдык касиеттен кетпейин" деп ойлоп ордунан туруп жуунуп келип тамак жасап, чай койду, анан Кызгалдакка телефон чалды: - Ало, Кызгалдак, сенсиңби? - Ооба-ооба, менмин, ай Салима, сен ооруп жаткан жоксуңбу? - деди кабатырланган курбусу. - Жо-ок ай, жакшы элемин, жана үйгө киши келип калып коюп койбодумбу, анан сени таарынып калдыбы деп.. . - Мен сага таарынбайм алтын курбум, чоочуп кеттим. - Анда мындай, эртең күндүзү өзүм өтүп барам, сенин кубанычыңды экөөлөп жууйбуз, макулбу? - Марсты ала келбейт белең, же анын колу бошобойбу? - Ал бүгүн жумушка барбай калды, эртең колу бошобойт го? - деп акырын сүйлөп коңшу бөлмөнүн эшигин карады. - Ма-акул, келип кал сөзсүз ээ? - Албетте барам! - Телефонду коюп ашканасына кирди. Тамагы даяр болуп калган экен, Марсты чакырып экөө унчугушпай тамактанды. Көптөн кийин Марс: - Эмне, Кызгалдак чакырып атабы? - деди билмексен боло. - Ооба, экөөбүздү тең чакырат, күнүгө жумушуңдан кала берет белең? - Туура кылыпсың. Айтмакчы, ал эмнеге чакырып атат? - Дүйнөдөгү эң бактылуу аял экен көрсө.. . - Салима ойлуу ичип аткан чайын карап көпкө мелтирей калып анан, - Боюнда бар экен, сүйүнчүлөп атат, эң башкысы Макулбек байкенин кубанычында чек жок дейт. - Жакшы болуптур, картайганда үйлөнсө, балалуу болсо көңүлү тынып калат да. - Ошондой, эми бул аялдардын иши, төрөп жаткан жок да, а сен Кызгалдак төрөгөндө барасың, туурабы? - Акылдуум менин, туура айтасың, эми мен боюңда бар экен деп бармак белем? - Экөө тең күлүп калды, ошону менен ортодогу ыңгайсыздык жоголуп кобураша кетти. Марс кокус сөзүмдөн жаңылып аламбы деп сактанып сүйлөп атты. Салиманын жанагы абалын көргөндөн кийин өзүн эмес аны ойлоп калды: "Мен го эркекмин, кайсы убакта болсо да балалуу болоормун, буга кыйын болду, минтип отурса бат эле жок болот байкуш" деп аяп турду жүрөгүнөн. Салиманын Кызгалдактын боюнда барын укканда ошентип азап чеккенин айттырбай сезди. Үндөгөн жок, жөн гана күнүмдүк оокат, тиричилик жөнүндө сүйлөшүп отуруп да: "Ажырашалы, мен кетем дебесе экен" деп ойлонуп отурду. Салима келгенде күтүп аткан Кызгалдак кучак жая тосуп алып ооздорунан чопулдашып үч-төрт өбүшүп учурашты. - Таптакыр келбей кеттиң, колдору бошобой атат го деп ойлоп аттым, же менин барууга убактым жок, жакында Алия менен Замирлер окуйт. Ушулардын кийим-кечесин даярдап, анан кышкыга байпак токуп жатам, кышында төрөп калсам кайдан? - Кызгалдак Салиманы ички бөлмөгө киргизип диванга жанаша отурду: - Кандай анан акыбал? - Ии-й, ушу сен бир алтынсың го, мен жок дегенде чалып сурап турсам болмок, мен деле бир түйшүктөн чыга албай.. . - Салима ойлуу жүзүн Кызгалдакка бурду, - быйыл Замир биринчиге барат да, ээ? - Ооба, Алия экинчиге, Замир биринчиге окуйт. - Бойтойгон садагаларым десе, чоңоюп калышса колуңа кол болот, аман болушсун. - Ай Салима, сен өзүң качан төрөйсүң ыя, ушу сен ишти иштеп, жашым өткүчө иштеп алайын деп баланы кийинкиге калтырып жатсаң керек ыя? - Ооба курбум, анын үстүнө өзүң билесиң, аспирантурага өтүп, өзүм мугалим болсом да айыл-чарбасынын өнүгүшү боюнча диссертация жазып жатпайынбы, анан азырынча кое турайын.. . - деп сыр билгизбей улутунуп алды. - Туура, баланы төрөгөндөн кийин түйшүгү да көбөйөт, алаксып каласың, - Кызгалдак чын ниетинен курбусуна суктана карады, - Сендей илимпоз курбум келгенде жөн отурсак болбойт го? Алия, дасторконду даярда кызым, Салима апаң менен жакшы чер жазышып отуралы. - Байке кайда кеткен? - Ал өз иштери менен кеткен, тиги аптекаларынан акчаларын алып келмек, дары алып келип таштачу адамы келген имиш, ошого элүү миңди чогултуп бериш керек дейт. - Ии-ий ошондой, көрүнбөйт.. . Аңгыча Алия стол үстүнө мурдатан даярдалган салат, варенье, туздалган балык, койчу барын коюп койгон. Экөө стулга отургандан кийин Кызгалдак кайра туруп барып сервантынан Француз виносун алып келип эки рюмкага куйду да: - Кана курбум, жазып жаткан эмгегиң пайдалуу эмгек болуп ишиң илгерилей берсин, диссертацияңды ийгиликтүү тапшыр! - Раxмат, өзүңдө да жакшылыктар көп болсун! - Экөө аз-аздан алып отуруп бир бөтөлкө винону бошотуп койду. Салима кетмек болду эле Кызгалдак аны аргасыз узатып чыкты: - Бир аз отура турсаң болмок, мейли эми Марс жумушунан келсе издеп калат, жакшы бар! - Жакшы кал Кызгалдак, телефон чалып тур, өзүм да чалам! - Экөө жылуу коштошушту. Кызгалдак өзүнчө ойлонуп калды: "Салиманын өңү сумсайып арыктап да кетиптир, көзүндө муң бардай, Марс экөө араздашып калдыбы, эмнеси болсо да менден сыр жашыргандай түрү бар" деп өзүнчө анын кеткен жагын карап турганда ал маршруткага түшүп кетти. Ошондон кийин гана Кызгалдак үйүнө кирди. Кирсе үч баласы кечки тамактарын ичип жатыптыр. Балдарын кубана карап өзүнчө кубанычтуу курсагын сылап койду: "ушунум да эркек болсо экен кудай, анткени чалымдын баласы жок, ошону кубантсам экен" деп ойлонуп жылмайып алды. Макулбек чынында эркек же кыз болсун деп айтпаган. Анын ою эмне болсо да өз канынан жаралган наристенин үнүн укса, картайганда арзып алганы кашында жүрсө ошого ыраазы. Ал кеч келип, келээри менен Кызгалдак анын жанына жетип костюмун чечтирип илип атканда артынан кучактап сылап койду: - Кана, чоңоюп жатабы? - Аябай, эртең эле чыга калам деп жулунуп атат, - Кызгалдак тамашалай күлүп эркелегендей түр көрсөттү, - Атам кайда кетти деп тынчымды алды. - Оо садагасы, - Жетине албай аялынын курсагын сылап жатканда колу тийген жери бүлк этип алды: - Ана, көрдүңбү? - келин каткырып күлүп калды. - Мен азыр эле келдим, апаңдын тынчын албай тынч жат, анан чыккандан кийин тепкиленсең экөөлөп багабыз, - Макулбек кудуңдай сүйлөшүп жатты. - Болду эми атасы, үйгө кирелик, кардың ачкандыр? - деп кучагынан чыга ашканага ээрчише киришти. Балдар акырын туруп бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Кызгалдак күйөөсүнө эттүүлөп тамак куюп берип маңдайына отуруп өзү да иче баштады. - Бирөө келдиби? - Макулбек көптөн кийин винонун бөтөлкөсүн көрүп сурады. - Ооба, Салима келген, негедир анын кабагы жаркылдап турган менен көңүлү чөгүңкүдөй, жүрөгүндө сыр бардай, чечилип сүйлөбөдү, - Эмнеге антип калды экен? - Билбейм, Марс экөө араздашып калдыбы деп ойлодум. - Андай болушу да мүмкүн. Бирок экөөнүн бири-бирине жасаган мамилеси андайга барчудай эмес эле. - Эртең мен барып келейинчи, үйдө болосуңбу? - Ооба, үйдө болом. - Анда мен барып жумушунан тараган маалда сүйлөшүп сырын тартайын, Марс экөөнүн мамилесин көрөйүн. - Ой көрөгөчүм десе, байкагычсың, сындайсың, - Макулбек күлүп калды, - экөөнү көрсөң эле билип коесуңбу? - Көрүп эле билем, анткени мени менен канчалык жаркылдап сүйлөшүп жатса да көздөрү сыр жашырып тургандай болду. - Эмнеси болсо да жаштар эмеспи, бирде таарынышат, бирде табышат. - Ошентсе да.. . - Кызгалдак андан кийин стол үстүн жыйнаштырып, идиш-аягын жууп, шыпырып анан жатчу бөлмөсүнө төшөнчүсүн салды. Балдар эбак уктаган. Экөөнүн эми көздөрү илингенде телефон чыр этип калды: "беймаал убакта ким болду экен" деп ойлоп Кызгалдак тура калып трубканы ала койду эле: - Ало, Кызгалдак, Салима силердикиндеби? - деген Марстын үнү угулду. - Жо-ок, ал күндүзү эле кеткен. - Эч нерсе айткан жок беле? - Эмнени айтмак эле, сүйлөшүп отуруп эле үйгө барам деп кеткен. - Анда мейли, тынчыңарды алганыма кечирип кой! - Марс телефонду коюп койду. Кызгалдак трубканы кармап көпкө туруп калды: "Эмне болду ага, кайда кетиши керек, эмнеге, экөө чын эле уруша кеткен го?" дегиче: - Эмне болду, ким экен? - деди Макулбек баш көтөрө. - Марс, Салиманы сурайт, ал эмнеге үйүндө жок, кайда кетти экен? - дегенде Макулбек аны тынчтандырды: - Кайда кетмек эле, эстүү келин эмеспи, эч жакка деле кетпейт. - Мен кайра чалып сурайынчы, - Кызгалдак чалганда Марс алды. - Ало, Марс, сен эрте эле келдиң беле? - Жо-ок, азыр келдим. - Анда жалгыз коркуп коңшулардыкында болбосун? - Ой ал коңшулардыкына барчу эмес, андан көрө сага сыр айткан жок беле? - Эмне сыр айтмак эле, жакшынакай эле күлүп жайнап отуруп кеткен. - Кызгалдак, эгер келбесе өзүм эртең менен чалам, сүйлөшчү сөз бар, - Марс дагы телефонду коюп койду: "Бир олуттуу маселе бар, соо эмес, сыр айткан жок беле дегени эмнеси, кандай сыр, менден жашыра турган сыры бар го?" Кызгалдак жатып алып да ойлоно берди. Көпкө түйшөлүп уктай албай ооналактаган Кызгалдакты Макулбек бекем кучактап алып аймалап жатты: - Көп ойлонбо, курсактагы балага таасири тийет, кудай сактасын, дагы бир курбусуна жолугуп калгандыр. - Ошондой эле болсо экен, жана айтпадым беле, көзүндө муңайым, көңүлү чөгүңкү деп. - Ооба айткансың, сен чындап эле байкап коюпсуң, эркем. Уйку деген кызык нерсе, сүйлөп жатып уктап кеткениңди өзүң да сезбейсиң. Экөө да аны-муну сүйлөшүп жатып уйкунун сыйкырлуу торуна илинип кетишкенин билбей калышты. Эртең менен эрте туруп тамактанып жатканда Марс өзү келип калды. - Эмне болду, Салима келген жокпу? - Кызгалдак аны көрөөрү менен эле берген суроосу ушул болду, эгер Салима келсе Марс келмек эмес деп ойлоп жиберди. - Жок, - Марс үшкүрүнө жооп берип Макулбек менен учурашты да отура кетти, - Ал сага эч нерсе деп айткан жок беле? - Эмнени айтмак эле? - Кызгалдак кечиндеги эле суроосун кайталады. - Эмесе мындай, ал мени менен ажырашмакчы болгон, себеби төрөй албайт экемин деп.. . - Марс эптеп түшүндүрүүгө аракет жасап болгонун болгондой кылып айтып берди. - Да-даа, кыйын болгон экен бечарага, сени аяган экен да, эстүү келин, - Макулбек Кызгалдакты карап, - Сага да айтпаса демек, ал өзүн кемсинткиси келбеген, төрөбөстүгүнө ызаланган, сенден тартынган.. . - Демек, мага сыр айтпаса, неге кетип калды, ал анда биротоло кетти, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дегендей сени да, өзүн да кыйнабай кетип калууну чечкен экен. - Кайдан издешимди билбей калдым, түнү менен тааныштардын баарына чалып оңдуу жооп ала албадым. - Ата-энесине барып көрбөйсүңбү, балким аларга барып же айткан чыгаар? - Кызгалдак тынчсыздана Салиманын төрөбөстүгүнө ичи ачышып сурады. - Эми ошол жактан бир кабары болбосо канттим, кайын-журтум мени күнөөлөп, өлтүрүп койдуң дешсечи? - Ой кантип эле ошентсин, алар андай адамдар эмес эле, же мен кошо барайынбы? - Жок, өзүм барам, - Марс алдындагы бир чыны чайды ичип анан ордунан тура жөнөдү, Макулбек аны машинасына чейин узатып койду. Ошондон баштап Салимадан кабар болбоду, ата-энеси да кайгырышып кызынын бир сырдуу кыялына таң калып кошо издөө салып атышты. Бир айдай болуп калган, Марс Салиманын үйдө кийчү халатын илинген жерден алып кызуу келген неме: - Оо жаркыным, кайда жүрөсүң, мени тирүү азапка салдың го, сенин сунушуңа макул болуп койсом болмок экен, - деп xалатын кучактап ыйлап аткан, ошол кезде анын чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагаз түшүп кетти. Аны кайдыгер карап коюп xалатты диванга ыргытты да ашканага кирип бирдеме ичкиси келди. Ал Салима жоголгондон бери ичип жүрөт. Муздаткычты караса эч нерсе жок, анан ордуна барып жатып уйкуга кирди. Ар күнү Салима түшүнө кирет, жанында эле кадимкисиндей жашап жүрөт, бирок ойгонсо жалгыз жаткан болот. Ошого кайрадан капа болуп басса-турса көз алдынан кетпей мазасын алганынан ичип, үйүнө күндө кызуу келет. Апасы келип-кетип, уулунун абалын көрүп зээни кейип кетти, ал тургай тезирээк үйлөнтүүнү ойлонуп атты. Эртең менен башы ооруп ойгонгон Марс көпкө ойлуу жатты: "Неге айтпай-дебей басып кетти, күндө ойлонуп, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү дегени го, жок дегенде бир жолу звонит этип койбойбу, ойлонуп азап чегем деп ойлобойбу, же эркек да тез эле үйлөнүп алса унутат дедиби?" деп ойлоп башынын зыңгырап ооруп турганынан чыдабай павильонго чыгып бир бөтөлкө арак алып келди. Ошол убакта жерде жаткан төрт бүктөм кагаз көзүнө урунуп эңкейип аны алды да ачып окуп кирди. Салима ал катты Кызгалдактыкына жөнөөрдө жазып салып койгон. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй эле: "Асылым Марс, мени кечир, өмүр бою сени да кыйнап, өзүмдү да кыйнап жүрө албайм. Сени менен жашаган жакшы күндөрүм, мага арнаган таптаза сүйүүң үчүн ыраазымын! Бала бакыт, бала ата-энеге кымбат жана кубат. А мен сага ошолордун бирин да тартуулай алган жокмун, менин сенин алдыңдагы чоң күнөөм ошол болду. Маңдайыңды жарылта сүйүнтө албадым. Менин кеткениме капа болоорсуң, кайгыраарсың, жинденээрсиң, бирок сен эстүү, акылдуу жигитсиң, ар нерсеге токтоолук менен чыдай бил, өзүңдү жеңил ойго алдырба! Мен өлбөйм, эч жамандыкты ойлобо, мен сенин элесиң менен гана жашап, сенин сүйүүңдү жүрөгүмдөн чыгарбай, арман, кайгы касирет менен жашап өтөмүн. Сенин балалуу болгонуңду угуп калсам сөзсүз келем, сага окшогон сулуу жигит же кыз төрөлсө жок дегенде жүзүнөн сүйүп алууга аракет кылам. Арманым, сени менен түбөлүк түтүн булатууну кудай мага ыраа көрбөй экөөбүздү эки жакка бөлүп койгону. Эстечи Марс, биз үйлөнгөн күнү сен мага бажырайган акация гүлүн тартуулабадың беле? Ошол гүлдүн бирөөсү бутагынын түбүнөн сынып калыптыр эле, "бул эмнеси?" деп ойлоп койгом ошондо. Ал турсун түшүмдө гүлдөрдүн биринин да бутагы жок экен, сага карап: "бул эмнеси гүлдүн бутагы жок го? десем, сен: "Муну мен өзүм сүйүп алдым" деп коесуң, көрсө ошондогу бутагы, жалбырагы жок гүл мен экенмин, сен сүйүп үйлөнгөнсүң да, чынбы? Дагы айтам Марс, ойго, ачууга алдырба, алдыда көп максаттарың бар, баарына жетишиң керек. Мени издебе, ар дайым жаныңдамын, бирок көрүнбөйм, тил алып үйлөн, ылайым уулдуу болуп кубанычың койнуңа толсун. Кош менин сүйүүм, бактым, жарым ырысым, аман бол, бактылуу бол! Сенин арзып кошулган жарың Салима". - Карлыгачым менин, сен акылдуу жансың, мени аядыңбы? - Колундагы катты көпкө карап туруп анан кайра бүктөп өзүнүн блокнотунун ичине салып койду. Анан азыр эле алып келген арагынын оозун ачты да стаканга куюп жутканы оозуна жакындатканда: "Сен акылдуу, эстүү жигитсиң, алдыга койгон көп максаттарың бар, ошого жетишиң керек!" деп Салима маңдайында жылмая карап тургандай туюлуп кетти да стаканды коюп сыртка чыкты. Жумушуна келди. Келсе начальниги аны чакырып алды: - Марс, сен көп ичип баратасың, кызматта ичип отурууга болбойт, эгер дагы бир жолу ичип келсең жумуштан чыгып каласың, өзүң эле арыз жазып кете бер! - деди. - Кечириңиз, эми кайталанбайт, экинчи ичпейм! - Марс башын жерге салып катуу уялды. - Бар иштей бер, кыскасы келечектүү жигитсиң, өзүңдү уяткарба! - Макул, - Марс чыгып өз ордуна отурду. Көңүлү ирээнжип, башы ооруп көпкө отурду, бир аз иштеп эртерээк чыгып кетти да жападан жалгыз бир кафеге отуруп тамактанды: "болду, өзүмдү өзүм жок кылып албайын, Салимам айткандай максаттарымды ишке ашыруум керек" деген тыянакка келди. Кызгалдак күндө бир маал телефон чалып ал абалын билип турчу, ошол күнү да чалып үйүнө чакырды. Анын күндө кызуу экенин билип ал дагы зээни кейип Макулбек экөө ага акыл айтмак болду. Марс бат эле келип калды, анын маанайы көтөрүңкү экенин көрүп экөө тең: "Салимадан кабар уккан го, кызуу эмес экен" деп ойлоп калышты. Жылуу маанай, экөөнүн өнтөлөп тосуп алышы ого бетер көңүлүн көтөрдү. Алияны алдына алып колуна элүү сом карматып, берки экөөнө да акча карматып барбалаңдап атты. - Алтындарым десе, көптөн бери аяш атаң келбей сагындыңарбы? - Ооба, сиз эмнеге келбей калдыңыз? - Алия андан эркелей сурады. - Кол бошобой жатпадыбы, эми тынбай келип турам ээ? - Ий-ии. - Сенчи Замир, жакшы окуп атасыңбы? - Ооба, жакшы окуйм. - Азамат! - Балдарды тегеректетип алып божурашып калганда Кызгалдак: - Болду эми, аяш атаң чай ичсин, тур өз бөлмөңөргө барып жатып уктагыла! - деди эле алар акырын туруп кетишти, - Кел Марс чай ич, баланы эркелетип койсоң башыңа чыгып алат, катуу мамиле кылбаса.. . - Койсоңчу аяш, баланын баладай болуп чоңойгону жакшы, көп эле уруша бербечи. - Бул ушинтет, мен да көп айтам тилдебе деп, өтө катуу кармай берсең тартынчаак болуп оюндагысын айта албай калат. - Эч нерсе болбойт, жакшы тарбияланат, тартиптүү болот. Мен урбайм, жөн гана түшүндүрө айтам. Баса, Марс, Салимадан кабар барбы? - Жо-ок, дайын жок, бүгүн анын жазган катын таап алдым.. . - Эмне деп жазыптыр, качан? - Мына, өзүң окучу, - Марс төш чөнтөгүндөгү блокнотту алып андан катты алып берди. Кызгалдак катты окуп алып ыйлап ийди: - Айтпадым беле, ал сени аяган тура, байкушум десе, өзүнө деле шор, ошону көтөрүп кайра сага акыл-насаат айтканын, ал ушул эле шаарда болсо керек? - Билбейм, аман жүрсө болду, айла канча, оюма койсо бир күн да бөлүнбөйт болчумун! - Ошону билип чайналбай кетип калайын деген го? - Макулбек сөзгө аралашты, - Бул тагдыр, колуң менен жасап алгыдай тагдырың буюм эмес, аны алла таала өзү буйруган. Биз пенделер баарын көтөрүүгө акылуубуз, милдеттүүбүз. - Туура айтасыз, бир аз өзүмдү таштап ийдим. - Эч нерсе эмес, өзүңдү колго алууга эркиң жетсе болгону. Эстүү эркек этекке чаптырбайт, келечектүү жигитсиң. - Раxмат, - Марс ойлуу отуруп калды: "Салима эмне кылып каерде жүрөт болду экен, эми ага жолуга аламбы же.. " деп көз алдына анын жароокерлиги, баарын байкап турган сезгичтиги, эркелегенди жакшы көргөн мүнөзү келип улутунуп алды: "болду эми ал кайрылбайт, өз тагдырын өзү чечти, балким ал туура кылгандыр" деди бир ою. Көпкө ортолорунда сөз уланбай үчөө тең үнсүз отуруп калды. Үчөөнүн тең көз алдында Салима. Бир топтон кийин Марс: - Мен эми үйгө барайын, - деп ордунан турду. Аны Макулбек узатты. Убакыт кирген суудай адыраңдап өтүп жатты. Пенденин эси-дарты эртеңки жашоосуна кам көрүү, бала-чакасын эч нерседен кемитпей өстүрүү эмеспи. Арадан алты ай өтүп Марс кадимкидей өзүнө келип, өзүн-өзү сооротуп ишине киришкенде ага бир күнү Шамбет телефон чалып калды. - Марс, бүгүн колуң бош болсо тоого чыгып келбейлиби? - деди Марс трубканы алаары менен. - Бүгүн колум бош эмес, дагы бир күнү бараарбыз. - Марс көңүлсүз жооп берди. - Ой ата, мен баарын даярдап койгом, мен да, сен да бойдоксуң, ширин кыздардан тапкам, жок дегенде эки саатка бошой калчы? - Канчада жөнөш керек? - Марс көңүлсүз сурады. - Сен качан бошосоң ошондо эптеп бир убакыт тап, - Шамбет телефондон бакылдады, - бошойсуңбу? - Аракет кылайын. Баса, Шамбет кыздары жок эле чыгып келбейлиби? - Кызыксың го сен, кыздарсыз жашоо көңүлсүз, тузу жок аштай супсак болуп калат да? - Болуптур бир сааттан кийин жолугалы, каерде болосуң? - Биз борбордук паркта болобуз, сол жак тарабында ашкана бар эмеспи, дал ошол жерден күтөм! - Жарайт! - Тутканы койгон Марс ойлуу астындагы кагаздарын кармалап отуруп калды: "Ырас эле жарым жылдан бери үңкүйүп үйгө барам, кайра жумушка келем, андан көрө эс алса, эс алып келейин" деп ойлонду да жыйыштырып коюп сыртка чыгып кабинеттин үп болгон абасы жетишпеген бөлмөсүнөн чыкканына кубанды, керилип-чоюлуп алды да машинасына отурду. Шамбеттер отурган кафени бат эле тапты. - Ассалоому аллейкум, - Шамбетке көзүндөгү кара көзайнекти ала коюп колун сунду. - Аллеки салам, - Шамбет ордунан тура калды. Кыздар сулуу, алп мүчөлүү жигитти көрүп саал гана башын ийкеп койду. Марс орун алгандан кийин заказ берилип алдына тамак келди. Андан кийин стаканга арак куюп Шамбет: - Досум, кыздар менен таанышып кой, бул сулуунун аты Лилия, а мунусунун аты Зайна. - Менин атым Марс, таанышканыма кубанычтамын, - Марс саал жылмая экөөнө карап койду. - Эмесе бүгүнкү таанышканыбыз үчүн ушуну алып ийбейлиби? - Шамбет, мен ичпейм, сиздер капа болбоңуздар, - деп кечирим сурамак болгондо Шамбет анын ой-боюна койбой кыстап кирди: - Марс, бүгүн кичине алып кой, андан кийин өзүң бил, биз күндө эле мындай чогула бербейбиз да ээ кыздар, биз Зайнаны жумушунан араң алып чыктык, кел досум алып кой, - Шамбеттин кыстаганынан: "Көп ичпейм, улантпасам болду да, кээде ичкенден эч нерсе болбос" деп ойлонуп алып жиберди, - оо азамат десе, бул сыйыңды унутпоого тийишмин! - Досум, мен сени, анан бул жерде отурган оймок ооз кыздарды сыйладым, ичпей койсом таарынып каласыңар го? - деп күлүп Зайнаны карап койду. Ал уялыңкы жер карады. Лилия менен Зайна бир мекемеде чогуу иштешкен кыздар. Лилия көптөн бери Шамбет менен жүргөн. Зайнаны атайын Шамбеттин суранычы боюнча ээрчитип келген эле. Ал турмушка чыга элек абдан татынакай музоо кирпик, көздөрү көгүш, мурду кырдач, жүзү апакай кыз. Марс аны көргөндө бир аз сүрдөй түшкөн. Мындай пакиза кыз менен Салимага үйлөнгөндөн бери таанышып же сүйлөшө элек болчу, жеринен мындай шапар тебүүнү жактырчу эмес. Негедир улам Зайна менен көздөрү чагыла түшүп жатты. - Кана эмесе, эрте жарыкта тоо жакка чыгып келели, силер экөөң жакшылап таанышуу үчүн бир машинага түшүп кенен-кесир сүйлөшүп баргыла, биз Лилия экөөбүз өзүбүзчө! - Шамбет каткыра Лилияны кучактап койду. - Кеч болуп калат го, азыр саат үчтөн өттү, башка күнү барбайлыбы тоого? - Зайна көздөрүн жалжылдата экөөнү карады, ал ушу тапта бир нерседен корккондой болуп турду. - Зайна, кеч болсо эмне экен, отту улуу жагып жаратылыштын кооздугуна суктанып түнөп калабыз, эртең мененки жумушубузга жетсек болду да? - Лилия аны карап көзүн кысып койду. - Жок болбойт, мен барбасам жеңем менен байкем издешет, - Зайна чындап коркуп ордунан турду эле: - Зайна, сени Лилия эмне дээр экен деп тамашалап жатат, бир-эки саатта кайра келип калабыз, кам санаба! - деп Шамбет аны тынчтандырып ордуларынан тура машинаны көздөй басышты. Зайна тарткынчыктай машинага отурду. Кубалашкан эки машина Чоң-Арык жакка бет алды. Суунун боюндагы бакка жеткенче Марс үндөгөн жок, улам көз кырын салып коет. Бир кезде: - Зайна, кай жерден болосуң? - деди жолдон көзүн албай. - Кеминден. - Ата-энең барбы? - Бар, ата-энемдин эң улуусумун. - Жакшы, канча бир туугансың? - Үчөөбүз, эки иним бар. - Жакшы экен, кайсыны бүттүң эле? - Университеттин экономикалык факультетин. - Молодец. Турмушка чыга элексиңби? - Жок. Азыр эрте деп ойлойм, - Зайна саал жылмая кирпигин төмөн түшүрдү. - Беш жыл окусаң, иштеп атсаң, жыйырма беш жаштагы кыздарды кара далы деп коет да, кыргыз кызы он алтысынан күйөөгө тийиш керек! - Марс тамашалай күлдү. - Ата-энем азырынча ашыкпа деп көп айтышат, иштеп алайын.. . - Зайна кымырына Марсты карап коюп, кайра жолду тиктеди. - Иштегенче убакыт өтүп кетет да, жигитиң барбы? - Жок сүйлөшпөйм. - Сүйүү келе элек го анда? - Билбейм, бирөөлөр сүйдүм деп калышат, мен азырынча сүйүп көрө элекмин. - Азамат Зайна, тартиптүү анык кыргыз кызы экенсиң, негизи эле өңү сары, көзү көк болгон экен анык кыргыз, кийин аралашып кеткен тура. - Кызык сүйлөйт экенсиз, мен эмне ошондой бекемин? - Зайна Марсты күлө карады. - Мына карасаң өзүңдү, ак жуумал, көзүң жок, мурдуң кырдач.. . - Коюңузчу.. . - Зайна ары карап кетти. - Тамаша, абдан сулуу кыз экенсиң. - Кандай тиешеси бар, мен сулуумун деп ойлобойм. - Мейли, баары тамаша, Шамбеттер токтоп калышыптыр, келген окшойбуз келчү жерге, - Марс Шамбеттин машинасынын артына келип жакын токтотту да жерге түштү. - Оо келип калдыңарбы, кана кандай кылалы, бир аз сууга түшүп сергип алалы да анан эс алалы, бул дүйнөдө аянбай жашаш керек, ойноп күлүш керек, тирүүлүккө адам баласын жаратып жашоо берген соң көңүлдү көтөрүп жыргап, өмүрдү гүлдөтүп өтүш керек! - Шамбет сүйлөп атып кийимин чечти да агып жаткан сууга бир түшүп ичиркенип кайра чыкты, - Карачы суунун тунуктугун, жаныбар таштары көрүнүп турат! - Ошону айтсаң, ушул ысыкта сууга түшүп эргий турган убак да? - Лилия каткыра Шамбетке суу чачып ойноп кирди. Зайна менен Марс четте аларды карап күлүп тура беришти эле Лилия Зайнага жетип сүйрөп жөнөдү, - Бас азыр, кийимчен сууга сала электе чечин! - Лилия койчу, мен түшпөйм, - Зайна тартынып артка карай кетенчиктеп атканда болбой эле сууга сүйрөп түштү, - Ой-ий ай Лилия, муздак экен, түшпөйм дейм! - Марс, түшпөйсүңбү, сергип каласың. Ичкендерибиз да ылдыйлап, ич жалаңдаганда анан кайрадан тамактанабыз. - Азыр, - Марс көйнөгүн чечип, өзү сууга кечип барып ичиркенип кетти, - Муздак экен, ооруп калбайбызбы? - Эчтеке болбойт, бир аз эле түшөбүз, мен да үшүп кеттим, - деп Шамбет сыртка чыкты, - Ичикий. - Сооп болот, титиреп калыпсың, болду эми. Мен Зайнанын киймин чечтирип күнгө жайып келейин, эртең грипп болуп калса мени каргап жүрбөсүн! - Лилия менен Зайна экөө ары жактагы топ бадал артына ээрчишип басып кетишти. Марска көзүн кыскан Шамбет: - Кандай кыз экен? - Жаман эмес. - Кокус жылдызыңар келишип калса эч тартынба, кызда айып жок, шайкелеңи жок, Лилия болсо өтө шайкелең, жалгыз кыз, эрке-талтаң болуп өсүптүр. - Ошондой, бирок шайыр кыз экен, ачык айрым. - Зайнаны атайы сага тааныштыралы дегенбиз, бирок ал сенин аялың жөнүндө эчтеке билбейт, өзүң түшүндүрөсүң да? - Анын эмне кереги бар, мен азырынча үйлөнүүгө көңүлүм жок! - Ой ата, үйлөнбөсөң дагы имерип, кыз кылыгын көрбөйсүңбү, эгер үйлөнүп алсаң деле болот, жакшы аял болчу кыз экен. - Көрөбүз го, азырынча эч нерсенин кереги жок, чоочутпай эле коеюн.. . - Марс ойлуу отуруп анан, - Чынында жакшы кыз экен, - деди. - Ошон үчүн айтып атам да, убакыт деген учкул куш, ойлонуп өзүңдү кыйнабай үйлөнүп алганың оң. Салима жакшы келин эле, анын тагдыры ошондой экен, эмне кыласың, айла канча? - Ошо Салиманы унутуш кыйын болуп атпайбы, андан көрө көп жылдап бойдок болуп жүрө бербей өзүң үйлөнчү, сенден кийин көрөйүн. - Ата-аңдын гөрү десе, эми мага тийишип калдыңбы, ишенсең бойдок жүрө берсең көнүп алат экенсиң, бири жакса бири жакпай, бирок күндө болбосо да каалаганың менен көңүл ачып жашоонун ыраxаты ошондо деп коюп өзүңдү алаксытасың, - Шамбет да ойлонуп калды. - Лилия өзүңө жагабы? - Ой кокуй, ал мындай эле, кээде кымбат баалуу белектерди берип коем, өзүнүн көңүлү бардай, мага үйлөнөт дегендей ою да бар. - Эмне, өңү-түсү нормально, иши бар экен, акыл-эси да ордунда, үйлөнсөң болчудай го? - Жо-ок дос, мен Лилияга үйлөнбөйм, дагы бирөө бар, ошого быйыл үйлөнсөмбү деп турам, апам дагы колоктоп бой жүрө бербей аял алып жаша деп тилдеп атат. - Туура айтат, үйлөнүш керек! - Сенчи, Салиманы кайра келет деп күтүп жүрө бересиңби? - Келиши кыйын, аны келет деп ойлонбой да калдым, бирок ансыз мага кыйын болду, ушунчалык сүйчү элем, Шаке! - Ой ошо сүйүүңдү койчу, сүйүү деп жакшы аял жаныңда болсо, бапырап балдарың ойноп турса, киймиң бүтүн, кардың ток, жашоодо кем-карчың болбосо ошол сүйүү да, сүйүү илгертен китепте гана жашайт, акындар ыр кылып жазат, жазуучулар дастан, жомок кылып айтышат, жөнөкөй жашоодо андай болбойт! Аңгыча Лилия менен Зайна келип калды. - Шамбет, бирдемең барбы, Зайна калтырап тоңуп калды, бирдеме шам-шум этели, - Лилия Зайнаны карады. - Эмне, өзүң калтыраган жоксуңбу, өзүңө керек болсо эле элди ортого сала бересиңби? - Зайна Лилияга күлө сүйлөдү, - Мен күндүн эле табына жылып алам. - Маакул эми, сени айтпасам жигиттер мага өздөрү бере турган эмес. - Кой-кой, сулуулар, келгиле, эми силерге деп арнаган тамак-аш күндө туруп ачып кетпесин, отургула! - Шамбет машинанын багажын ачып, андан толгон тамак ашты түшүрүп жатканда Марс жетип жардамдашты: - Ой Шаке, эки-үч күндүк кылып алгансың го? - Тамашалай күлүп калды. - Калса калат, канаттуусу, курт-кумурскабы, тоюнуп алсын. - Шаке ушундай март, колунан келсе бүт Кыргызстанды тойлоткусу келет, бирок шарты келбей жүрөт, - Лилия аны кучактап отуруп алып күлө сүйлөдү, - Ыраспы, Шаке? - Туптуура, Лилия менин мүнөзүмдү жакшы билет, - Шамбет да каткырып калды, - Кокус экөөбүз үйлөнүп алсак экөөлөп чача тургандай кыялыбыз бар. - Чын эле ай, өткөндө базарда жүрсөм эки буту жок адам коляскада отурат, ага беш сом берип: "байкуш буту болсо иштемек, аргасыз кайырчы" деп андан ары баратсам жапжаш келин колундагы жаш баласын алып отурат, ага он сом берип андан ары баратып эки көзү сокур адам ырдап атат.. . Ошентип бир күндө канча кишиге бергенимди билбейм, үйгө келсем үч эле сомум калыптыр. - Сообу тиет, мусапырларга жардам берген жакшы, - Зайна аны карап отуруп сүйлөдү эле аны Марс ырастап койду: - Туура айтат Зайна, бейбечарага жардам берсең сообу тиет. - Ой, ар кайсыны сүйлөбөй, эс алууга келсеңер бүгүнкү эс алууну нормально отургулачы, бир күн болсо да бейбечара, мусапыр дегенди унуталы, ансыз да кыргызбайың бечарага айланып баратат? - Келгиле кыздар, ырас эле эс алууга келгенден кийин эс алалы, көңүл ачалы ээ? - Марс Зайнаны, анан Лилияны карап коюп көз кысты. Төртөө отуруп тамактанышты, Шамбет колбасасын да, грилин да, суусундукту, арак-пивону толтуруп алыптыр. Грилди жегенден кийин винодон шыңгытышты. Зайна напитоктон ичип отурду. Арактан да ичпеди. Канчалык кыстаса да болгон жок. Марс аны сынай карап гана тим болду: "күйөөгө чыга элек болсо, агасы ичкенин билсе урушат да, ошондон коркуп жаткан го, же өзү ичкиликти каалабайт" деп ойлоп койду. Лилия шакылдап сүйлөп атып аз-аздап стаканды көтөрүп коюп атты. Шамбетке ал жагат, ичип койгонунан гана кээде ойлоп калчу. Чынында өзүнө Лилия жагаарын Марстан жашырып койду. Кеч кире баштаганда жыйналып машинага отурушту эле Шамбет: - Эмесе ушул бойдон бөлүнөбүз, мен Лилияны жеткирем, Марс, сен Зайнаны жеткиресиң! - Куп болот! - Марс күлүп калды. - Анда кеттик! - Зуу эттирип алдыга айдап жөнөдү. Марс Зайна отураары менен Шамбеттин артына түштү. Зайна зымпыйып эч нерсе болбогондой келе жатканы менен Марсты ичинен жактырып калды: "Өтө көп сүйлөбөгөн, орундуу жигит экен, маданияттуу дагы, аялы болду бекен, болсо кандай бактылуу аял, ушундай күйөөгө тийген" деп ойлоп алды. Марс: "Жакшы аял болчудай экен, бирок менин үйлөнгөнүмдү укса макул болбойт го?" деген ойдо келатты. Шаарга кирип келгенде Шамбет машинасын четке токтотуп: - Кана эмесе, түнүңөр бейпил болсун, жакшы жатып жай тургула! - деп колун көтөрдү эле Лилия: - Пока, до встречи! - деди. Шамбет дароо Марс күлүп колун көтөрөөрү менен айдап кетти. Зайна Марска корккондой түр менен карады: - Эмне деп атат досуңуз? - Жакшы жатып жай тургула дейт. - Ал эмнеси, мени үйгө жеткириңиз, ансыз да кечигип калдым, - Марс азыр бир сөз айтса ыйлап жиберчүдөй абалда турду Зайна. - Сизди жеткирем, сиз үйдө уктайсыз, а мен өз үй, өлөң төшөгүмдө уктайм, анан "жакшы жатып жай тургула" дейт да? - Марс аны карап жылмая күлүп койду, - башкача ойлобоңуз, чоң кыз. - Жок-жок, . . . - Зайна уялып, жүзү кызарып кетти, - үйдөгүлөр издеп калат да. Андан кийин Марс үндөгөн жок. Тек зымыратып түз жолдон көзүн албай айдап келе берди. - Эртең жумушта болосузбу? - Ооба, ушул жерге токтотуңуз, менин машина менен келгенимди көрсө уят, мындан ары өзүм жетип алам. - Болуптур, алыс эмеспи? - Жок, жакын эле, - Зайна түшүп жатып жылмайып, - жакшы барыңыз, чоң раxмат, - деди да жөнөй берди. - Жакшы жатып, жай тур! - Марс артынан үн салганда ал бырс күлүп жиберди да жүгүрүп кетти. Бир аз туруп анан Марс машинасын жылдырып үйүн көздөй зымыратты: "Эx жашоо, табышмаксың ээ, эгер Салима болгондо ушу кызды көрөөр белем, өзүмдүн жарым эле жакшы эмес беле?" деп улутуна машинаны эшигинин алдына киргизип коюп үйүнө кирди. Үйү тунжурап көзүнө комсоо көрүндү, не деген менен аял кишинин үйдө болушу өзүнчө эле бакты тура, эшиктен кирээри менен кийимин чечиндирип, "ваннага кир" деп буйруп коюп, өзү ашканадан жытын буруксутуп тамагын жасап күтүп алат: "Эмнеге кетип калдың Салима, мен сенден түк ажырагым келген эмес, сен жок мен бук болуп кеттим, сагындым" Марс улутунуп ушуну ойлоду да диванга көмкөрөсүнөн жыгылды: "Неге ал төрөбөс аял болуп калды. Энеси жашында жакшы караган эмеспи, балким бул биздин тагдырыбыз болсо керек" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Салима ошол күнү кечке ойлонуп Кызгалдакка сырын айтмак болгон, бирок ал оюнан кайтып ага деле айтпай коеюн деп ойлоп кат жазып xалатына салып коюп анан курбусуна барып аны менен акыркы жолу бирге отурду да шаарда иштеген курсташы Сонунга телефон чалды. Ал Салиманын үнүн угуп кубанып кетип келип калуусун өтүндү. Токтолуп турбастан Кара-Балтага жөнөп кетти. Курбусу аны кучак жая тосуп алды. Анткени бир-эки жылдан бери жолугуша элек болчу. - Кел Салима, келгениң жакшы болбодубу, эки балам менен жалгыз абдан зеригип жаттым эле, - деп үйгө киргизип, болгонун алдына коюп сыйлап отурду. - Ии-ий ананайындар десе, чоң жигит болуп калышкан тура, мунусун кызыл этинде көрдүм эле ээ, Сонун? - деп эки уулун алмак-салмак өөп эркелетип жатты. - Ооба, ошол бойдон каттабай да кеттиң, кандай деги жашоо, аяш жакшы жүрөбү? - Баары жакшы, ойдогудай, - Салима жайдары мүнөздө айткан менен өз жүрөгү түпөйүл болуп Сонун менен сүйлөшүп жатып да ичтен сызып ойлонуп: "Ай кудай ай, Марс мени издеп убара болот го, байкушум десе, мени менен өмүр бою бирге жашамак ою бар, аны как баш, куу баш дедирип кантип жүрө бермек элем, көнөт акыры, үмүтүн үзөт. Жашоо баарына көндүрөт эмеспи" деп көңүлү жайлана түштү. - Эмне болду Салима, неге мынча ойлонуп калдың? - Ойлонгон деле жокмун, менин аяшым кайда кетти эле? - Анын командировкасы эле бүтпөйт, эки балам менен күтүп отура беребиз. - Күткөнү бар жакшы эмей, анан калса жаныңда мындай күчүктөр турганда зерикпей эле кубанып отура бер да? - Салима улутунуп алды, чын пейли менен кубанып отурган: "Менин мындай балдарым болсо, Марс жылдап командировкада болсо тажамак эмесмин". - Салима, сенин бир жериң ооруп турган жокпу, сүйлөп атсам укпай эле мелтирейсиң? - Оорусаң айыгасың курбум, үшүсөң жылыйсың, ысысаң сергийсиң бир кезде, бирок айыкпаган ооруга чалдыккан жаман экен.. . - Эмне болду анчалык, эмнең ооруйт? - Сонун боор ооругудай карады, - деги эмне деген оору экен. - Айыкпас оору, - Салима күлгөнгө аракет кылып муңдуу жылмайып, - Айтсам узак сөз, балдарыңды жаткырчы, анан сүйлөшөбүз, - деди. - Мейли, - Сонун балдарын бөлмөсүнө уктатып, экөөнө жанаша орун салды. Андан кийин экөө мейман чыгыш кылып сыртка барып келди да, Сонун: - Кел эми жатып алып сүйлөшөлү, - деди. Салима ордуна жатты, Сонун аны карап жатып кулак төшөдү, - ооруйм дейсиң, айыкпас дейсиң, деле түшүнсөм өлөйүн, айтчы жакшылап. - Сонун, айыкпас дарт десе эле рак экен деп түшүнөбүз, бирок ал адамды алып тынат го, менин айыкпас дартым такыр башка! - деди да болгонун болгондой айтып берип, - ушундай курбум, мен ошондой айыкпас дартка чалдыгып күйөөмдү таштап качып чыктым. Пенде эмеспи, бир аз кабатыр болуп, издейт, азап чегет, акыры көнөт, аялды да алат, ал эми менчи, мен өмүр бою жалгыз калдым, мотурайган баланын үнүн укпайм, жүзүн көрбөйм! - Салима буулугуп ыйлап жатты. Өкүнүч, арман ызасынын баарын ушул бүгүн чыгарып алгысы келди бейм. - Салима, кой ыйлабачы, сен эле бекен төрөбөгөн, толуп атпайбы, андан көрө бала багып ал, баккан бала өз балаңдан да жакшы болот. - Марс кетирбейм деп болбойт, анын баласыз болуп жүрө берүүсүн каалабайм, аны да, өзүм да кыйналгыча көздөн кайым болуп кетейин деп баса бердим. - Туура эмес кылыпсың курбум, күйөөң сен деп турса айтпай кеткениң болбоптур, андан көрө ачык айтып кетсең болмок же бала багып алып жашай берсең болбойт беле? - Өз канымдан жаралып жанымда жүргөн болсо бир жөн, мен ага бериле алмак эмесмин, аны көргөн сайын төрөбөстүгүмө кыжаалат болуп азап чекмекмин. - Мейли эми Салима, эч капа болбо, бул жашоодо тагдырына таарынбаган ким бар дейсиң. Эс ал эми, ойлонбо, ойлонуп жаныңды кыйнаба. - Жакшы жатып эс ал эми өзүң дагы, тентектер менен кечке чарчагандырсың. - Чарчабай анан, чоңу өлө тентек, кичүү уулум азыр жаш, анча чатагы жок. Экөө тең унчукпай калышты, бири-бирин уктады го деп ойлоп жата беришти. Сонундун күйөөсү өкмөттүн жумушунда. Өтө жоош, кудайы момун жигит. Аялына, балдарына үйрүлүп түшүп турат, кайда барса да ар дайым бир нерсе албай келбейт. Сонун өз билгенин жасап жатса да үн дебейт. Жашоолору жакшы. Үйү сегиз бөлмөлүү, баары ичи толгон дүнүйө. Салима көпкө ойгоо жатты: "Марс эмне болду экен, балким кеткени жакшы болду деп көңүлү жай отургандыр, же издеп мени тааныгандардын баарына чалды бекен?" деген ойлор. Ошентип ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси күн чыга ойгонуп ажаткана жакка барып келип бетин жууп үйгө кирсе Сонун эбак эле туруптур. - Ой сен качан турдуң эле, сени уктап жаткандыр деп ойлогом. - Мен күндө эрте турам, балдарым тургуча баарын жасап коюп, анан күтүп отурам. - Жакшы экен, эрте турган жакшы да, мен жумушка араң туруп жөнөчүмүн, менден мурун Марс туруп чай коюп койчу, анткени өзү да эрте кетмек да? Экөө кобурашып көпкө отурду. Студент кездеги кылык-жоруктарын эстеп күлүп калышат. Сонундун эки уулу ызылдап оюнчук талашып экөөнү сүйлөштүрө койбой ары-бери жүгүрүп атат. Салима ушул саам Кызгалдактын үч баласынын үнү чыкпай жакшынакай болуп ойногонун эстеп, ар бирин көз алдына келтирди: "Кызгалдак укса таарынды ээ. Курбу эмес экен деди го, байкуш багы бар экен" деп ойлонуп койду. - Салима, - деди Сонун, - мынча болду биерде жүрө тур, жумушуңдан чыгып алдың беле? - Ооба, Марска айтпай жумуштан чыгып, отпуска алып койгом, аны билсе Марс, атайын мурунтан даярданган экен дейт го? - Марс эмне эркек да, эмеле аял алып алат, балалуу болот, андан кийин сени унутуп калат. - Унутса унутсун курбум, иши кылып балалуу болуп калса эле болду. - Сенчи, ушуну менен эле баары бүтөт деп ойлойсуңбу, төрөбөсөң деле өз буюмдарыңды алып кетишиң керек. - Эмне кылам, бир башыма жетээр бир сыйра кийим, анын мага деген таптаза сүйүүсү үчүн баарынан кечтим, курбум. - Өзүң бил, пока анын жаны жай алгыча биерде эле бол, андан кийин Өмүрбөк келсе жумуш табылат, иштеп аласың, көңүлүң да өсөт. - Ыраазымын, курбум, - Ушул саат дагы Кызгалдакты ойлоп кетти. Бир жолу Салима жумуштан келсе үй ичин мизилдете жууп, сүрүп коюп, идиш-аяк жууп отурган экен: "Ой эмне кылып атасың, жөн эле эс ала берсең болбойт беле", - десе: - Койсоңчу досум, эки колум, бутум иштеп турса, мен сен жасаганды жеп коюп кандын кызындай жата бермек белем, - деп күлгөн. Салима саал жылмайып алды өзүнчө: "кызык, эми мен бирөөнүкүнө көз каранды болуп отурам, атамдарга баргандыр, барса эмне дээр экен, алар дагы ызы-чуу болушат го, кой аларга чалып коеюн" деп ойлоп ордунан турду. - Шаардагы сиңдиме чалып коеюн, алар да издеп жүрбөсүн, Марс аларга сөзсүз барат. - Туура, дайныңды билгизбей кетсең сөзсүз издешет да. - Ошону азыр ойлоп атпайынбы, ата-энем эмне дешип, эмнени ойлоп жатты экен, кокус үч күн билгизбей жүрүп алсам мени моргдон издеп жүрбөсүн, - күлүп чыгып кетти. - Салима, үйдөгү телефончу? - Аа-аа ошону унутканымды карачы! - Кайра кирип телефонго барып кулагын бурады. - Алоо, - деди арттагы үн, - бул ким? - Аймира, бул мен Салима, Марс атамдарга бардыбы? - Салима эже, сиз кайда жүрөсүз, баарыбыздын жүрөгүбүз түшүп калды, кеңешип койсоңуз боло жок дегенде, - Аймира жебиреп кирди. - Болду, Марс издесе да силер издебегиле! - Салима кайра эле турбканы коюп койду. Ой ойлоп, ойдун түбүнө жеткен ким бар, Салима дагы жан дүйнөсү сыздап турса да өзүн-өзү алдап, сооронуп, күндөр өтө берди. Арадан он күндөй өткөндө Өмүрбек келип Салиманы райондун акимчилигине катчылыкка иштетип койду. Анткени ошол убакта катчылык жумуш орду бош эле. Өңдүү-түстүү, иш билги, таза тыкан келин бат эле өз ишин алып кетти. Аңгыча арадан жарым жыл өттү. Аким орто жашаган, курсактуу киши. Кез-кезде иш боюнча гана кайрыла калбаса жумушун так аткарган келинди көз кырын салып коюп жүрдү. Ошентип Салима жашоонун кызык кырдаалында бирде бактысынын тайкы экенине ызаланып ыйласа, кээде коллективдеги жумушчулардын шары менен алаксып күлүп коюп күндөр өтүп жатты. Марстын апасы келип үйүнө жүрүп ичпей калганына ичтен кубанып атты. Эрте кетип кеч келет, апасы Созулдун жасаган тамагын ичип алып жатып калат. Ачылып сүйлөшпөйт. Сөз башталса эле үйлөн деп айтайын деген Созул ыгын таба албай жүрдү. Ошол күнү Марс эртерээк келди. Чай куюп отурган Созул кеп баштоого озунду. - Балам, сенин бул жүрүшүң жакпайт, карт бойдок болбой үйлөн, менин өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок, балаңды көрөйүн, көөнүм тынсын. - Билбейм апа, Салима келип калчудай болуп эле андан үмүт үзө албай жатам. - Салима эстүү жан болчу, сени менен жаман-жакшы айтпай кете берейин деген тура, туура кылыптыр, экөөң сүзүшүп жүрө бермек белең, балалуу болсун деген да? - Ошондо деле, анын бул үйдө үлүшү бар да, келсе нааразы кылбай каалаганын бериш керек. - Келсе бер балам, бул айтканың акылмандык. Ары айтып, бери айтып жатып акыры Созул уулун көндүрдү. Марс айласы кете: - Апа дагы бир аз кое турсам болот эле, анын аман-эсенин билип анан үйлөнөйүн. - Мейли, анда бир айга чейин өзүң изде, болбосо мен өзүм алып берем, сүйөм-күйөм дегениңди токтот, үйбүлөгө ылайык болсун балам, алдыңдагы жашооңду ойлон, мына отуз бешке чыктың, - эне жумшарып, Марстын акылга келгенине ыраазы боло сүйлөдү, - Мен сое турган мал-салды, кийим-кечени даярдай берейин. - Өзүңүз билиңиз, - Марс жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Эртеси Созул айылга кетти. Марс Зайнага кээде жолугуп кафе, ресторанга чакырып сүйлөшүп калат, бирок анын ою кандай экенин биле элек. Негизи Зайнага Марстын кичи пейил, аша чаап мактанбаганы, көп эркектерче ашыкча тийишпегени жагып өзү да имериле баштаган: "бүгүн ачык сүйлөшөм, аял алганымдын баарын айтам, анан өзү чечсин" деп ойлоп баратты Марс. Анда-мында телефондон чакырып сыйлап коюп ашыкча сөз айтпаган Марстын бүгүнкү чакырыгына да моюн толгобой макул болду Зайна. Бул күнү кафе же ресторанга эмес, үйүнө алып келгенде Зайна бир аз жүрөксүдү: "бул эмнеси үйүнө алып келип тийишип же.. . андай болушу мүмкүн эмес, андай адам көрүнбөйт, мейли бара көрөөрмүн" деген ойдо машинадан түшүп зыңгыраган үйгө аста басып кирди: - Коркпой эле кире бер Зайна, сүйлөшчү сөздөр бар, - Марс ага сырдуу жылмайып койду. - Эмнеден корком, кишиден киши коркмок беле, бирок эмнеге үйүңүзгө алып келгениңизге таң калып жатам? - Таң калгыдай эч нерсе деле жок, ушул үй кожейкеси жок жетимсиреп турат, - Марс сынай карады, - Балким кожейке болуп калып жүрбө? - Муну менен эмне айткыңыз келип жатат? - Зайна түшүнүп, билип турса да сурап койду. - Ал узак сөз, кир эми үйгө, чай ичели, анан деле убакыт бар, жүрү эми, - Марс Зайнаны колтуктай ички бөлмөгө кирди. Зал абдан кооз жасалгаланган, терезе пардалар ого бетер кооз көрсөтүп, ичи салкын. Ортодо он чакты орундук менен чоң стол, үстүндө жер-жемиштердин түрү, импорт вино, тарелкада рюмкалар. Эки жагын карап стулга отурган Зайна: "Жакшы турат экен, аялы болсо керек, кайда болду экен болсо, балким келип калсачы?" деп ойлоп өзүнчө чоочуп кетти. Аңгыча Марс чай көтөрүп келип чыныларга чай куюп, бирин Зайнага сунду: Чайга караңыз, сулуу! - Аа-аа рахмат, - Зайна чыныны алып алдына койду да чоң, тегерек, сейдана себилген нандын бир кесимин оозуна салды. Тынымга сөз уланбады, өз ойлору менен алек, - Аялыңызбы? - деп төрдө илинип турган Марс менен Салиманын сүрөтүн карап койду. - Ооба, сулуу бекен? - Марс жылмайып койду. - Сулуу экен, азыр кайда? - Кайда экенин билбейм, - Марс ушул учурдан пайдаланып болгонду айтып берүүгө убакыт жеткенин сезди да, төкпөй чачпай саймедиреп келип, - Мен чынында кетирмек эмесмин, тагдыр экен, ушундай болуп калды, - деди улутуна. - Жаман болуптур, дайнын биле элексизби? - Кайдан, ата-энеси билсе керек, унчукпай калышты. Эми аны кыйнаганда эмне, өзү чечти, демек жашоону билет. Зайна билесиңби, бир жылдай убакыт өттү, апам үйлөн деп кыстап жатат. Эгер өзүм таппасам өздөрү таап мени үйлөнтмөкчү. - Үйлөнтсө үйлөнүп алыңыз да, кыскасы жашооңуз ойдогудай экен, жакшы аял болсо, кадырыңызга жетээр болсо ойлоп көрөсүз да. - Зайна, мен сага жакпайымбы? - Марс Зайнанын көздөрүнө тике караганда ал көздөрүн ала качты, - Айтсаң, жакшы көрүү сезими бир жолу да ойгонгон жокпу? - Кызыксыз го, экөөбүздүн жаш айрымабыз бир топ, анын үстүнө.. . - Эмне, сен мага тийбейсиңби? - Марс түз эле айтып ийип, кайра алдастай түштү, - Кечирип койчу, мен сага "сүйөм, күйөм" деп айтпай эле "тиесиңби?" дегенимди кара, - Марс өзүнүн кызыктай абалда турганын сезе коюп, өзүн колго алууга аракеттенди, - Кой, бул теманы кое туруп мындан ичеличи, - винодон эки рюмкага куюп бирин өзүнүн алдына, бирин Зайнага сунду, - Кел эми, чоң кыз, жакшылык, достук үчүн ичип коелу. - Аялыңызды катуу сүйгөнүңүз көрүнүп турат, бирок тагдырды өзгөртө албайсыз да? - Зайна Марсты сумсая карады, - Ортодо жакшы мамиле, өзүбүздө денсоолук болсун! - Зайна кичине ууртап коюп койду. - Кичине алып койчу, суранам Зайна, - Марс анын колуна рюмканы кайра карматты, - Азыраак алып кой! - Ичпегенимди билесиз, жөн эле кыйнап жатасыз, - Зайна дагы ууртап коюп койду. - Мейли, "кыз кылыгы менен" деген, менин айтканыма капа болбо, чыны аялымды аябай сүйчүмүн, эми апам мен көрбөгөн бирөөгө үйлөнткүчө өзүм жактырган кыздын менде ою кандай экенин билгим келген, эми мага баары бир, албарска да болсо үйлөнөм! - Марс винону алып жиберип отуруп калды. Зайна ойлуу отурду: "Ырас эле "сүйөм, күйөм" дегендер жыргатып жатабы, бир-эки балалуу болгондон кийин таштап кетип атпайбы, жаш, акыл-эстүү, кызмат абалы ойдогудай", деп ойлонуп атты. Винодон кайра-кайра кайталап куюлду, ууртап-татып атып Зайнанын башы айланып кетти: "Мас болуп калбагай элем, кокус мас болуп калсам тебелеп-тепсеп абийиримди булгап коюп, анан кайда кетсең айда кет деп шылдың кылып жүрбөсүн, балким атайын мас кылганы алып келгендир" деп чоочуп алды. - Зайна, ойлонбой эркин отур, менде андай жаман адат Жок-жок, десең сени кыйнабайм, өз эркиң, болгону көңүлүмө жактың, көңүл кушум сага түштү, өзүң чеч баарын, ырас жаш айрымабыз бар! - Марстын көрүп-билип тургандай сүйлөгөнү Зайнаны уялтты, эки бети кызарып, көгүш көздөрү жоодурай күлүп жиберди: - Эмне, ичимдегини окуй турган аппаратыңыз барбы? - Ошондой.. - оор улутунуп алды, - Кыздар жаман ойлоп жибересиңер мындайда, - мостойгон Марс ага карабай айтты муну, - Андайлар да бар, бирок беш кол тең эмес да, туурабы? - Туура, сизге кошулам, мынчалык чөкпөңүз, неге маанайыңыз чөгүп кетти, менин да кете турган убактым болуп калды, эмесе бата кылалы. - Болуптур, сени өзүм жеткирип коем, а сен ойлон, дагы бир жумадан кийин жолугабыз, макулбу? - Ма-акул, ойлоноюн, - Зайна ордунан туруп сыртка карай кадам шилтеди. Марс үйүн бекитип машинаны от алдырып Зайнаны үйүнө жеткирди да кайра тартты: "Мейли, макул болбосо, туш келгенине үйлөнө берем, сүйүү бир гана келет, кайра кетет, пешенеме жазганын көрөөрмүн. Аттиң бала деп неге Салиманы кыйнадым экен, эгер мен төрөп бер деп айтпаганда дале жүрө бермек" деп ойлонуп келе жатып алдыдагы машинаны катуу сүзүп алды. Карс дегенди бир билет, өзүн жоготуп койду. Заматта гаилер келип, документтерин текшерип, өзүн ооруканага алып барды. Катуу тийгенде жүткүнүп барып рулга өпкөсү кысыла түшкөн экен. Эртеси Зайна Шамбет менен Лилиядан угуп ооруканага жетип барды. Көрүп эле ыйлап жиберди: - Деги аман-эсенсизби, угуп алып коркуп кеткенимчи! - Колдорун кармалай отура калды. - Кыздар ошондой болот, жүрөгү назик, санаага жок, чынбы? - Марс аны карап көзүн кысып койду, - Мени чын эле ойлоп корктуңбу? - Ананчы, аябай корктум, сизди көргөнгө чейин эмнелерди ойлободум дейсиз? - Эч нерсе эмес, баары өттү-кетти, - Марс Зайнанын колун кармаган бойдон ойлуу, - Зайна айтчы, менин суроомо жообуң кандай? - Мен сиздин айтканыңызга макулмун, деги аман жүрүңүзчү! - Зайна көздөрүн ылдый түшүргөндө кирпиктери төгүлүп турду, - Сиз эмне десеңиз мен ошомун! - Жаркыным менин, үйүмө кут түшкөндөй, төрүмдүн көркү болчу, берекем, - Марс Зайнанын колдорунан өпкүлөп, өйдө болоюн дегенде кабырга тушун басып, - иий, - деп жиберди. - Эмне болду? - Зайна эңкейе калып чебелектеп ийди, - Бир жериңиз катуу тийген го? - Өпкөмдүн тушу, катуу кысылып калган экен, кыймылдасам ооруп атпайбы. - Этият болуңуз, жолду карап сак болбойт белеңиз. - Ойлонуп кетипмин, өзүм да билбей калбадымбы, - Марс Зайнанын жардамы менен бир жагына которулуп, анын колдорун өөп, жаагына басып көпкө жатты, - Ыраазымын айым, эми мен үйлөнчү күндү күтүп кантип чыдайм, жаркыным, мен азыр бактылуумун! - Мен дагы бактылуумун, сизге жолукканыма бактылуумун, - Зайна көпкө чейин отуруп анан кетти. Марстын жүрөгү алып учуп: "ушул периште менин койнумда жатчу жарым болот ээ, кубанбайын, кудайдан сурайын, ушул кыз менин бир башымды эки кылып өмүр бою жанымда болсо экен", көпкө шыпты тиктеп ойгоо жатты да: "Салима мени кечир, сенсиз жашоом өтпөйт деп ойлодум эле, көрсө жашоонун табышмактуу сырлары көп экен, сенсиз жашайм эми, башка бирөөнү "карлыгачым, тоту кушум" деп өмүр өтө берээр" деп улутунуп алды. Ооруканада он күндөй жатты Марс, күндө Зайна тамак көтөрүп келип көпкө отуруп кетет. Экөө сыртка чыгып, ары-бери басып, колтукташып сүйлөшүп, бирде күлүп, бирде жай гана каалгышат. Марс чыккан күнү Зайна үйүнө кошо келген, Созул келип калды. Зайна өзүнчө кысыла түштү. - Айланайын ай, эмне болду деги, же айтып койбойсуң, кечээ гана уктум. - Ой апа, жөн эле айта бермек белем, баары жакшы, бир аз кырсык болуп кетти. - Эшикке улак алып келдим, түлөө өткөрүп койбосок болбойт, атаң да келген. - Өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү, мен эмне жакшы элемин, ашыкча ырым-жырымдын кереги эмне? - Ырым-жырымды жерибе балам, кудай деген кур калбайт дейт, ата-бабабыз ооруганда доктур-моктуру жок эле ырымдап жакшы болуп кетчү. Аңгыча атасы кирди. - Ээ азамат кандай, бу этият кылбайт белең, угуп алып апаң түнү менен уктаган жок, - Ата-бала кучакташып көрүштү. Четте турган Зайна акырын ымдап "кете берейин" деди эле Марс башын чайкап: "кетпе" деп койду. Акмат кайра сыртка чыгып кетти. Зайна кысылганынан: - Мен кете берейинчи, уялып жатам, - деди эле Марс аны кучактап өөп, - Кетпе, азыр мен сени алар менен тааныштырам, - деп өзү сыртка чыкты. Улагын союп казанга салганча Зайна Созулга жардам берип жүрдү. Ошол убакта Шамбет келип калды. Акмат менен кол алыша учурашып, Созул энеге баш ийкей, Марс менен да кучак жая учурашып калды: - Кандай анан, денсоолук калыбына келдиби? - Жакшы, көкүрөгүм аз-аздан ооруп турат, кичине эле кагышканга ушунча болуптурмун. - Эч нерсе эмес, кыскасы аман калдың, оңой эмес да, - Шамбет Зайнаны көздөй баш кага ымдай сурады, шыбырай: - Уже бир үйбүлө болуп калгансыңар го? - Жок ой, ал мени чыгарып жатканда келип калды, анан кошо келген, аңгыча атамдар келип кете албай калды. - Дос, эгер макулдашып койгон жериң болбосо, Зайна абдан жакшы кыз, үйлөнүп алсаң болот. - Буйруса аяш кылып берем. - Чынбы? - Чын айтам. - Келе колуңду? - колун сунду эле силкилдетип, - Куттуктайм, азамат! - деди да дагы эки жагын абай сала карап, - Лилия боюмда бар деп мени бура бастырбай жатат, арга жок ага үйлөнөт окшойм, - деди. - Лилия деле ачык-айрым жакшы кыз экен, үйлөнө бер да, адамдын кесир-кусуру болот, боюнда болсо ал дагы элден тартынат. - Ооба, андай-мындай дегенде эмне, ал баары бир мени кое бербейт, - Марсты далыга таптай, - Кел анда экөөбүз бир күнү үйлөнөбүз, - деп койду барбаңдап. - Базар жок, бир күнү болсо бир күнү да, - Марс күлүп калды. Коңшу-колоңун чакырып түлөөнүн этин тараткандан кийин эл тарап өздөрү калганда Марс ата-энесин карап сөз баштады: - Ата, апам мени үйлөн деп шаштырып кеткен эле, ойлоп көрсөм туура окшойт, үйлөнөйүн силерди кыйнабай, - жер карап отурган уулун көргөн ата: - Анан качан үйлөнөйүн дейсиң? - деди сынай карап. - Силер качан десеңер ошондо. - Азамат, тиги Сары кыз эмеспи? - Акмат шыбырай уулуна көзүн кысып койду. - Ошол, - Марс да күлүп калды, - Жактыбы? - Бар-ракелде уулум, жакпагандачы, кай жерлик болот экен? - Кеминдик, силерге тааныштырсамбы дегем. - Жакшы, эми апаң экөөбүз камынып туралы, үйгө эле алып бар! - Макул ата, өзүм деле ошентейин деп аткам. - Алдыңа кетейин десе, ушу сен дагы кыйналдың, буйруса Зайна жакшы келин болчудай, багыңар ачылсын, - Созул кубанып отуруп анан Марсты карады, - Зайнаны азыр бизге тааныштырбай эле кой, уялат. Үйгө барганда эле таанышып алабыз, - деп шыбырай сүйлөдү. Зайна сырткы бөлмөдөгү кайнаган чайды көтөрүп кирди, - Олда садагаң кетейин десе, чайды өзүм деле алып келбейт белем. - Коюңуз, сиздин иш кылып жүргөнүңүздү көрүп кантип отурмак элем, келиңиз чайга караңыз, - Зайна чай куюп баарына сунуп жатты. - Эчтеке эмес кызым, мындайдын далайына бышып бүткөм, эми келин бар жерде башка дечи, сен конок кыз экенсиң, жумшабайын деп атпайымбы. - Эч нерсе эмес, улуу кишини иштетип коюп жаш кишинин отурганы болбойт, мени ата-энем ошентип үйрөткөн. - Канча бир туугансың, кызым? - Үчөөбүз, эки иним бар. - Жакшы, айланайын, жалгыз кыз экенсиң, бактылуу бол садага! - Рахмат, айтканыңыз келсин, - Эне баладай болуп көпкө сүйлөшүп отурушту. Андан кийин Зайнаны Марс жеткирип келмек болду. Ата-эне каршы болбоду. Ошондон эки жума өтпөй Марс үйлөндү. Бирок ЗАГСка барышпады, анткени Салима экөөнүн нике кагазы кесилген эмес. Ал үчүн Салима экөө арыз жазып чогуу барыш керек болчу. Зайна капа болгон жок, өз убагында бүтөөр деп койду жөн гана. Ата-энеси Зайнанын өзүнөн улуу, аял алган күйөөгө чыкканына капа болуп уккан күнү айрыкча апасы жакшы эле каршы чыкты, бирок Зайна өзү аларды тынчтандырды. Аргасыз Зайнаны күйөөгө узатышты. Марс Зайнага үйлөнгөн күнү Шамбет да Лилияны үйүнө алып барып эртеси эле Марска келди да төрт-беш машина болуп Чолпон-Атага барып эс алып, андан ары Тастар-Ата мазарына сыйынып келүүгө жөнөштү. Марс канчалык энесинен башка өппөгөн аруу кызга үйлөнгөн менен жүрөгүнүн төрүндө Салима экөөнүн биринчи үйлөнгөнүн эстеп, анын элеси көз алдында. Зайна улам аны караганда ал аны сыга кучактап жүзүнөн сүйүп коет. Бака-шака түшкөн жаштар бирде ырдап, бирде магнитофондун ыргагына термелип шаңдуу баратышты. - Марс, эмнеге ойлонуп жатасың? - Зайна байкоосуздан суроо берди эле, Марс жооп бере албай мокой түштү. - Эмнеге ойлонмок элем, өзүм да ишене албай турам, сендей периште чын эле менин жарым болдубу деп, аябай бактылуумун жаным, толкунданып, сүйлөөгө чамам келбей сүрдөнүп жатам. - Ыраспы? - Зайна бактылуу жылмайып алып Марстын көкүрөгүнө башын жөлөй, зымырап бараткан машинадан алды жакты карап көздөрүн жумуп алды, - Марс, мен дагы бактылуумун, өзгөчө бүгүн, өмүрүмдөгү бактылуу кезди көз ирмемдик элес кылып жүрөгүмө тартып баратам, эч унутулбастай кылып. - Жарыгым менин, ырысым, - Орундукта экөө гана, башкалар өз-өз машиналарында кетип атышкан. Шамбет менен Лилия да өз машиналары менен баратат. Улам жол ээндей калганда сигнал берип кууп өтүп бапылдатып калышат. Чолпон-Атага жетип аерде тойдун шарын улантышып кечке чейин кафеде болушту. Эртеси көлгө түшүп сергип, эс алып анан Тастар-Атага жөнөп, баары ичимдик татпай тилек кылып сыйынып, кайыр-садагаларын берип эки сааттай ал жерде болуп кайра шаарга жөнөштү. Зайнанын мүнөзү оор, анча чечилип сүйлөбөгөн менен абдан жароокер, жумушунан эрте келип, үй оокатын жасаганга аракет кылып турат. Марс жумушунан келээри менен жуунуп алып, жаш колуктусунун көңүлүн көтөрүүгө далбастайт. Анын ойлогон оюнун баары басса-турса: "Зайна да төрөбөй калбаса экен, кудай деги мени адам пенде кылып жаратканың чын болсо "ыңаа" деген баланын үнүн угуза көр, баласыз куу баш болбоюн, берээриңди унутпа" деп тилечү болду. Ошол күнү жумуштан жаңы эле келген, телефон чыр этип калды. - Ало-оо, - деди Марс алып, - бул ким экен? - Ай Марс, сенсиңби, кандай акыбал, - Кызгалдактын үнү угулду арытан. - А-аа Кызгалдак сенсиңби, кандай өзүңөр, жакшы жатасыңарбы, жезденин денсоолугу, балдар баары жакшы жүрүшөбү? - Баары жакшы Марс, куш бооң бек болсун, ай эмнеге үйлөнгөнүңдө айтпадың же таарындыңбы? - Жо-ок, эмнеге таарынам, той деле болгон жок, достор, ата-энемдер менен эле… - Ой койчу деги, азыр биз барабыз, үйдө бол! - Кызгалдак трубканы коюп койду. Марс "түүт-түүт" деген трубканы кармап бир аз ойлуу турду да: "каап уят болгон экемин, чакырып койбой, унутуп калганымды кара" деп бурула бергенде босогодо Зайна күлүмсүрөп турган экен. - Ким? - деди ал жөн гана. - Аяштар, келебиз дейт, дасторконго бирдемең барбы? - Болушунча бар, жетпегенин алып келесиң, - деди ал. - Туура, эт, майда барат алып келе калайын, сен стол үстүн сыйлуу коноктор келчүдөй кылып даярдай бер, жаным, - Марс келинчегин өөп коюп чыгып кетти. Марс базардан келгиче Макулбек менен Кызгалдак келип калышты. Колунда сүймөнчүк уулу Азизбек бар, ал балтыр бешик болуп калган. Алар босогодон баш бакканда эле, Зайна Марс айткан коноктор экенин билди да жадырай тосуп алып үйгө киргизди. - Саламатсыңарбы айланайын, Марс үйдөбү? - Макулбек андан озуна сурап калды. - Ал жок эле, келип калат, кире бериңиздер, - деди кичипейилдик менен Зайна. - Жакшысыңарбы? - Кызгалдак чырайлуу келинди көрүп эки бетинен өөп, анан үйгө киришти: "байкуш Салима, төрөп алганда ушул үйдө өмүр бою жашабайт беле.. Эркек да, тим эле сулуу жаш немени алып алганын" деп ойлоп кетти Кызгалдак. Конок бөлмөгө кирип орун алгандан кийин Зайна аларга чай куюп сунуп отурду. Аңгыча Марс келип машинасын токтотуп үйгө баштык көтөрүп кирип ашканага койду да, конок үйгө кирип: - Оо келиңиздер, айыптуумун жездеке, той өткөрбөсөм да айтып койушум парз эле, - деп кол алыша учурашып Кызгалдактын колундагы балтыр бешик баланы ала коюп өөп-жыттап эркелетип, колуна конфет карматып атты. Кызгалдак ошондон кийин Зайнанын башына жоолук салып, Марска импорт көйнөк кийгизип ала келген конфет-печеньелерин алып чыгып: - Биз дагы кечээ уктук, абдан капа болуп анан келинчегиңди көрүп коелу деп чечтик, бир күнү даам таткан жериңе миң күнү салам айт дейт эмеспи, - Кызгалдак шакылдай сүйлөп атып: … "Салима болсо башкача болмок, буга неге таарынмак элек, ушуну менен ортобуз алыстайт го" деп ойлуу отуруп калды. - Ал күнөө менден аяш, кечирип кой, той өткөрбөгөндөн кийин деп эле конок чакырган жокпуз, ата-энем келип тосуп берди, Зайнанын ата-энесин чакырып сыйладык, ачуу басар жөнөттүк, анан достор Чолпон-Атага бир шылтоо менен барып алалы деп чогуу жөнөп кеттик, ары-бери болуп үч күн ал жерде болдук, Тастар-Атага бардык. - Жакшы анда Марс, эми колуктуң экөөң бактылуу болуп очор-бачар ордолуу шаар болгула! - Макулбек чын дилинен айтып экөөнө бак-таалай каалап отурду. - Рахмат жезде, айтканыңыздар келсин, - Марс аларга абдан ыраазы болуп чечилип сүйлөдү, - Мен эми сиздерди Зайнага өкүл ата, өкүл апа коем, анткени атамдар айтканынан өзүбүз табабыз деп койгом, Зайнаны кыз кылып, мени күйөө бала кылып алыңыздар! - Болду, болду, кыздуу болууну биз да каалап жүргөнбүз, кана Кызгалдак, кызыма көрүндүк берели! - деди Макулбек кубанганын жашыра албай. - Жаным менен кабыл алам Марс, өкүл кызга өз ата-энесиндей болуп бере албасак да сыйлап алууга кудурет жетет, - Кызгалдак чөнтөгүнөн эки жүз сомдукту алып чыгып Макулбекке берди. - Мына Марс балам, кызымдын көрүндүгү, эми жолун башка күнү жасайбыз, - деди да Зайнаны жанына чакырып алып чекесинен өөп: - Эч нерседен кем болбой алганың менен агарып, көгөр! - деп батасын берди. - Рахмат, - Зайна сүрдөгөнүнөн чылпылдай тердеп кетти. - Ыраазымын сиздерге, кана дасторконго караңыздар, - Марс чай куюп атып Зайнага карады, - Бирдеме алып кел эми, Зайна, өкүл аталар менен бир кагыштырып коелу. Зайна импорт арактан бирди, пиводон үч төрттү алып келип стаканы менен жанына коюп берди. - Сиздерден дагы бир жолу кечирим сурайм, Азизбекти да көрө албадык, - Марс ойлуу отуруп калды: "Салима болгондо башкача болмок, экөөбүз алда качан көрмөкпүз" деп ойлонду. Аны Макулбектин үнү оюнан адаштырып ийди: - Марс, өткөндү ойлобосо болбойт, бирок алдыдагы максат адамдын эң башкы маселеси, билип турам эмнени ойлогонуңду: Салима абдан жакшы келин эле, нике кайып деген ошол, эми Зайна кызым экөөңөрдүн кармашкан колуңар жазылбасын, үйүңөр чурулдап ойногон наристелерге толсун! - дегенде Марс башын көтөрө жылмаюуга аракеттенди. Бул кезде Зайна Кызгалдактын баласына сүт алып келүүгө чыккан. - Рахмат сизге, айтканыңар келсин, "Салима болгондо мындай болбойт эле" деп таарынбаңыздар, эми андан да жакын болобуз, атамдарга айтам, өкүл ата таптык деп. Зайна сүт алып келип: - Келе мага бериңиз, мен ичирейин, - деди Кызгалдактын алдында "бу-булап" отурган Азизбекке колун сунуп, - Келе гой, кел! - деп чакырып калды. - Бар, бара гой эжеңе, - деп аны берди ал. - Келээрки жумада кызымды үйгө чакырып алам, сөзсүз ата-энеңди чакырт Марс, жакшылап таанышып, катышып туралы, - Макулбек винодон ичкенден кийин бакылдап жатты, - Тун кызым болот, барып келип каттап турсун, бат-бат жөнөтүп турасың кызымды. - Сөзсүз да! - Марс дагы бакылдап отурду. Бири-бирине чоочун адамдар эми минтип бир дасторкондон даам сызып, бир туугандай бакылдашып, акыры келип ата-бала катары отурушту. Жашоонун керемети, өмүрдүн кызыгы дал ушул колунда бар адамдардын гана айланасында өмүр сүргөндөй. Бирде күлүп, бирде кичинекей Азизбекти колдон колго алып эркелетип отурушканда булоолонгон палоо келди алдыга. - Жездеке деп аяшты сыйлап, кыздын кырк чачы улуу болгондуктан сиз менен жакшы тааныш болуп калдык эле, эми мен сизди ата дейм. Зайна экөөбүзгө ата болгонуңузду жууп бүгүн мынабу француз арагын сиздерге атайын бузам, не дейсиз? - деген Марс жооп күтпөй эле коробканын ичиндеги "Мужская сила" деген эки бөтөлкө арактын бирин ачып рюмкаларга куйду, - Муну биздин өкүл ата, өкүл апабыз үчүн ичебиз! - Марс рюмкаларды алды алдына коюп Зайнага да куюп койду. - Болуптур Марс балам, мен бүгүн ушунчалык бир бакыттын туу чокусуна чыгып отурам, ушунун баарына Кызгалдагымдын арты менен жеттим, эми кызым үчүн уу болсо да алам! - Макулбек ушул тушта тагдырына чексиз ыраазы болуп маңдайы жарыла сүйүнүч менен сүйлөп атты. - Мен дагы кызым Зайна үчүн ичейин, Марс өзүң билесиң иччү эмес элек, биз кыздуу, болгондо да ай чырайлуу кыздуу болуп атсак кантип ичпей кое алабыз, мындай күндү жараткан чанда адамга берет! - Кызгалдак дагы рюмканы өйдө көтөрүп төртөө кагыштырганда хрусталь рюмкалардын үнү шыңгыр этип бир башкача аваз үйдүн ичине толду. Бул мүнөттөр ушул адамдардын артта калган азаптуу сааттарын унуткарып өмүргө жаңы жаралып бактынын гана көлүндө сүзүп, чардактар менен тең жарышып учуп конуп жүргөндөй көңүлдөрү кушубак болуп отурушту. Түн бир оокум болсо да алардын эс алчу түрү көрүнбөйт. Айтылбаган сөздөр калбады. Таң агарып супа салганда гана Макулбек: - Айланайын балдарым, эми биз кайталы, ылайым соолубасын өмүрлөр, оорубасын көңүлдөр, бакыттын бийик сересинде, картайбасын сүйүүлөр! - Макулбек алакан жая бата кылганда Марс менен Зайна тура калып бата тилешти - Көшөгөңөр көгөрсүн, уул-кызым ата-бабанын арбагы колдоп, агарып уул-кыз өңөрсүн! - деп ордунан турду. - Айтканыңыз келсин ата, сиздер дагы өмүрдө өксүбөй, толгон аягыңар бөксөрбөй уул-кызыңардын урматын көргүлө, - Марс да кур калбай коноктоду узатып чыгып, Кызгалдак уулун Макулбекке берип, өзү рулга отурганын көрүп таң калды. "Кандай жакшы адамдар, балалуу болуп жетине албай турган кези экен, Кызгалдактын багы ачылган экен" деп аларды узатып, Кызгалдак менен Зайнанын өбүшө коштошконуна ыраазы болуп алар жылып кетээри менен Зайнаны кучактай үйгө киришти: - Жакшы кишилер, кандай бактылуу жубайлар, - Марс өзүнчө кубанычтуу Зайнаны карады, - Өкүл ата, өкүл апаң жактыбы? - Аябай жакты, сонун адамдар экен, - Экөө кучакташып дасторкон жыйнабай эле диванга кулашты… *** Калбүбү коңшу айылга жакындаганда иттер ызы-чуу түшүп үрүп, таңкы кыймыл башталып, мал айдаганы, уй саап, торпок аркандаганы жүрөт. Айылга кире берээрде четки үйдөн бир адам чыгып аны карап туруп калды. Бул кайдан келген чоочун аял дедиби же бирөөнө окшоштурдубу, айтор селдейе карап тура берди. Так үйдүн тушуна келгенде бери көздөй басып келди да: - Таң атпай кайдан жүрөсүз, бул айылга чоочун окшойсуз? - деп сурады. - Ооба, чоочунмун, ушундан ары өтүп кетейин дегем, - Калбүбү басыгын токтотпой кетип атканда тигил кайра сурады: - Чарчаган окшойсуз, биякка кирип дем алып, курсак тойгузуп алып анан чыкпайсызбы? - кичипейилдик кылып жаткан адамга тил кайрый албай илээлеп басып анын артынан үйгө кирди. Кирип үйдүн кунары качып, жыйылбай, аял жашабаганы билинип, жүрөгү шуу этип алды. Төшөнчү, дээрлик буюмдар тытыла кирдеген, идиш-аяктары жуулбай ар жерде чачылып жатат, арыта үч-төрт шприц жатат: "Наркоман болсо керек, эмнеге кирдим экен, кайра кетип калайын" деген ойдо артына бурула бергенде чоочун эркек аны карыдан ала артка түртүп төргө чыгарды: - Мен кете берейинчи, кое бериңиз? - Калбүбү жалооруй өтүндү. - Кайда, мен деле сендей бир байкушмун, сага эркек керек, жашай турган үй керек, мага аял керек, бири-бирибизге керекпиз, ошондуктан бир-эки күн мени менен болуп турчу, суранам, деди ал катуу айтпай акырын сүйлөп. - Андай деп ойлобоңуз, мен кетишим керек! - Эмнеге, сизди ким күтүп жатат? Жок дегенде менин сообума калып анан кетиңиз, - Ал Калбүбүнү карыдан ала күч менен отургузду, - кирбей кетсеңиз болмок, эшикти аттагандан кийин: "Колго тийген коенду кое берген оңобу?" дегендей чырайлуу аял экенсиз, - деп ой-боюна койбой жыгып, алышканына болбой өз максатына жетти да, - тагдырына таарынып буулугуп үнсүз ыйлап аткан Калбүбүгө, - Мен деле бир кезде ушул айылдын мен деген жигиттеринин бири элем, аялым, бала-чакам бар эле, - деп улутунуп алды. - Эми кете берейин … - Калбүбү жалдырай сурады. - Жо-жок, адегенде конок болуңуз. Менин атым Бектемир, сиздин атыңыз ким? - Маданияттуудай эле көрүнгөн менен анын зордукчулу жаккан жок. - Калбүбү, - деди аргасы кеткен ал, - Мени кетириңизчи, эрте жарыкта жетчү жериме жетип алайын. - Ашыкча сөздүн кереги не, жаныбыз бирдей эле окшойт Калбүбү, эгер мага аял болуп берсең баарын таштап адам болууга даяр элем, азыр мени тууган-уругум, балдарым адам деп эсептебейт, өлсөм эптеп көмүп коймокко кабар алып турушат, чарчадым ушул жашоодон, - Бектемир башын салып көпкө отурду да тура калып шкаф сыяктуу эскилиги жеткен идиш-аяк койгучтан бөтөлкө алып чыныга куюп ичип жиберип оозун басып калды. - Мен сизге аял да боло албайм, мени балдарым күтүп жатат, - деп анын арак ичкенинен коркуп кетип калп айтып жиберди, - Менин жолумду тоспоңузчу?! - Калбүбү, мен адам катарынан чыгып калсам да бир айтканымдан кайтпаган адаммын, андан көрө жок дегенде менин көңүлүмдү алып беш-алты күн туруп кет! - Бектемир аны теше тиктегенде жүрөгү болк дей түштү. Өлүм деген түрү суук, уккан кулакка жагымсыз нерсе анын бүткөн боюн калтыратып жиберди. Өмүрдөн аша кечип, жашоодон тажап, бир тарабы аска-зоо болуп турганда да өлүмдөн пенде коркот тура: "Кокус дагы бирдеме десем өлтүрүп ташташы мүмкүн" деп ойлоп бозоро отуруп калды. Бир топтон кийин Бектемир кичине казанын алып чыгып очогуна асты да от жакты, сыягы ичинде тамак болсо керек, карала-торала болуп отун күйгүзүп жатып жылытты белем, үйгө көтөрүп кирди. Анысы жалаң картошка экен, сууга кайнатып шорпо кылып коюптур. Калбүбүгө жакын келип дасторкон сымал кирдеген немени салды да чыныга куюп ага сунду эле ал: - Жок, мен ичпейм, иче бериңиз, - деди бүрүшкөн калыбында. - Болбойт, сыйлап жаткандан кийин ичиш керек, азыр мындан куям, - деп чыныны анын алдына койду да бөтөлкөдөгү арактан эки идишке куюп Калбүбүгө, - Кел эми бүгүнкү жолугушуп таанышканыбыз үчүн ичип коелу! - деди. - Мен ичпейм, өзүңүз иче бериңиз. - Жок-жок, мен жалгыз ичпейм, азыр жанымда татынакай аял отурса өзүм кантип ичем, бул табылат, көңүл табылбайт, - деп жакын отуруп колуна карматып, идиштерди кагыштырып койду, - Кел эми алып кой: "Кайдан да кире койдум эле, үй болсо эле жакшы адамдар экен дебедимби, бу куу башым дагы кандай балээге кабылды? Кудай ай, мындан аман-эсен кетемби же шордуу жанды кыйнап тирүү чыкпай каламбы?" деп ойлонуп аракты алып ийип отуруп калды. - Азамат Калбүбү, минтпесең болбойт эле да, эми экөөбүз чечилип сүйлөшөбүз, эки бакыр, бир тукур болуп калабыз, - деп картошка шорпосунан шорулдата ууртап кирди. Нан дегенден эч нерсе жок, карандай картошканы ичкенден жийиркенип турду. Карды ач, ичкен арак ичин ысытып өзөгүн өрттөп кеткендей болду: "Неге менин жашоом ушундай, бир туугандарым кайрымсыз, өлсөм да аруу жууп көмөөрү белгисиз, бул адам ичпеген адам болсо жашап калбайт белем" деп ойлонуп кетти эле, Бектемирдин идишке дагы арак куйганын көрүп: - Мен ичпей эле койоюнчу, башым айланып чыкты, - деди ал. - Эч нерсе эмес, адегенде ошентет, анан көнүп кетесиң, мен эмне төрөлгөндө эле арак ичип көрүптүрмүнбү? - Бектемир каткырып күлүп койду: - Ал, дагы бирди, андан кийин куйбайм! - Калбүбү тобокел деп дагы алды, көпкө эңгирей туруп калды: "өлүп кетсинчи, кеткенде кайда барам, тосуп алаарым болсо бир жөн, же колумда тыйыным жок, не болсо да көрөөрмүн" деп ойлонуп отуруп, ошол эле жерден кыйшайып уктап кетти. Бектемир анын жанына жатты. Бир аздан кийин эрди-катындай бирге уктап калышты. Калбүбү канча уктаганын билбейт, катуу уктап кеткен экен, кобур-собурдан көзүн ачса Бектемирдин жанында эки жүдөгөн адам отуруптур. Кыязы алар анын арак достору болсо керек. Калбүбү кыймылдабай жата берди. - Ээ атасынын көрү: "атам экөөбүзгө бир катын" дегендей мунуңду бизге да берип тур эми, бел суутуп алып туралы! - деди бири колдурай. - Ошону айтсаң, шаарга кетип калсак аякта биз өңдүүлөргө аялдар оңой эле табылат дейт, бара албай жатпайбызбы. Бекем жыргаптыр да өзү табылып, ха-ха-ха! - деди бири каткыра. - Оозуңарды карагыла балдар, мен муну эч кимге бербейм, эгер тилимди алса адам болуп жашашым керек, жетишет бир кезде көөп кетип аракка башымды малып алып чыга албай баарынан кол жууганым! - Мейли досум, өзүң бил, биздин катардан чыккың келсе чык, биз болсо чыга албай калдык, өлгөн күнү өлөбүз, өлгүчө иче беребиз! - Баса, бу конокту, тойс аяшты жакшылап коноктойлу, бүгүн бир тоок таап келебиз, даярдап койгонбуз, - деди бири. - Апкелсең апкел, бирок ээси кармап алып баарыбызды карматып жүрбөсүн? - Бектемир чоочулай экөөнү карады. - Чын эле ой, тоок уурдаган камалат, киши өлтүргөн тез эле акталып чыга калат, неси болсо да абайлайлы! - Бирдемең бар беле Беке, баш ооруп өлгөнү турабыз, дүкөндөр карызга бербейт, ал турсун атасын өлтүргөндөй көздөрүнүн төбөсү менен карап кетиргенче шашат. - Бар, менде эки бөтөлкө бар болчу, бирин ичип койдум, бирин силерди келип калабы деп сактап отургам. - Ой баракелде-е, ушундай алтындай досубуз бар да, куйчу жүздөн. Бектемир бөтөлкөсүн алып келип үч идишке куйду. Берки экөө араң турганбы, дароо эле ичип идиштерин бошотуп коюшту. Бектемир өзү ичип кайра үчөөнө куйду, - Закускага эчтеме жок тура. Уят, мен бир-эки нан таба келейин. - Анда жыргаттың, тиги дүкөнгө барсам арак берет да нан бербейт, иштеп берем дегениме ишенбейт, кечээ туалет казып эки бөтөлкө алгам. - Үчөөбүздү ишенип жумушка да албай атпайбы, болбосо эптеп нанды кенен таап турат элек, - Нааразы боло сүйлөдү корулдагы, - Тиги Алсейит айыл өкмөттү билесиңби, мени короомду тазалап бер дейт, кечке ошонун ишин жасасам бирдеме болоор. - Анда жакшы болгон тура, мени фермер Турсунбек уйканасын шыбап, оңдоп бер деди, Бекем экөөбүз ошону бүтүрсөк карын кампаярлык оокат табылат, барасыңбы Беке? - Барбай анан, мен деле иштешим керек, бу аялды үйгө камап койбосом, качып кетет! - Туура кыласың, көнгүчө камап кой! - Үчөөнүн сөзүн угуп жаткан Калбүбү ичкен арак башын зыңгырата ооруп жатса да былк этпей жаратканга нааразы болуп жүрөгү сыздап жата берди. Бир кезде Бектемир жанына келип: - Ээ Калбүбү, туруп бирдеме жутуп алчы, ооруп тургандырсың, - деди түрткүлөй. - Жо-жок, мен эс алып алайын, - деп жумган көзүн ачпай ары бурулуп жатып алды. - Аяш, туруп биз менен таанышып кой эми, - колдураган неме үн салды, - Беке биздин дос, бири-бирибизден жаныбызды да аябайбыз. - Тим кой уктаса уктасын, өтө чарчаган түрү бар, узак жол баскан окшойт, бул айылдык эмес экенин көрүп эле билдим да, - Бектемир тигил экөөнө көзүн кысып койду. - Анан калса өңдүү-түстүү аял экен. - Сен өзү аялдан жолдуусуң, баягы Күкүшүң сени менен кошулуп ичпегенде сен эмдигиче үй-жайыңды оңдоп жашап калат элең. - Ананчы, ал менден өтүп ичип туруп албаганда, жашоо ойдогудай болуп кетмек. - Эчтеке эмес, эми деле кеч эмес, жашың эми кырк экиге келди, бизден жашсың, эмнеси болсо да сага ак жол! - Үчөө көпкө чейин отуруп анан кечкинин камын көргөнү үйдөн чыгып кетти. Көрсө үчөө бирге жашашат экен. Тапканын ортого салып эптеп көр оокаттын камын көрүп күн өткөрүшөөрүн дароо эле сөздөрүнөн байкады Калбүбү: "кантип гана чыгып кетээр экемин, аракты ичип жатат, эми качан сайынып кирээр экен?" деп коркуп жата берди. Бирок андай болгон жок. Бектемир фельдшер болуп иштөөчү, айрыкча малчыларды кыдырып, колунан келген жардамын берчү, айылдан алыс кыштоодогу малчылар Бектемирдин караанын көргөндө ат чабым жерден таанып кубанып турушчу. Казанын асып, автолавкадан алып калган ак моюнун белендеп, дасторконун кең жайып тосуп алчу. Ооруп жаткан адамдардын жеңил-желписине укол берип, дары ичирип, айыгып калгыча кабар алса, оорураактарын атайын ооруканага жеткирип жаткырчу. Абдан сыйлуу эле, колу-коңшусу да аны: "колу жеңил" дешип "Бекелеп" эле турчу. Ошентип артыкча сыйдын арты аны ичкиликке оодарып акыры жайдак тамда калганына беш жылдын жүзү болду. Үч баласын алып аялы төркүнүнө кетип күйөөгө тийип алды. Балдарынын алды азыр он бешке чыгып таяталарынын колунда. Бектемирди аларга жамандап такыр жолотпой: "алкаш атаң, өзү жыргап силер калыпсыңарбы" деп каттатпайт. Баарынан кол жууган Бектемир акыры жамынчысы жок ушул үйдө кала берген бойдон көзүн ачпай ичип жүрүп жакындан бери өзүн-өзү колго ала баштаган. Аталаш туугандары болгон менен бир тууган жатындашы жок. Күндүн батканы менен таңдын атканы ага баары бирдей эле… Ал эми тигил төрдө жаткан шприцтер болсо өзү ооруганда өзүнө укол сайган эле, ошону али ыргаткан эмес, азыр гана аны көрүп ойлоп алды: "баса бул аял эмне эле коркуп, кетем деп атат десе, мени наркоман деп ойлогон го" деп дароо сезди. Анткени айылдын эли, бала-чакасына чейин "наркоман" десе жүрөгү түшүп турат эмеспи. Калбүбү кечке чейин кыймылдабай жата берип кайра уктап калды, кеч кире кобурашкан "достор" кирип бакылдап кирди. Алар бир топ эле кызуу болчу: - Беке, ой бүгүн казанды бир боркулдата кайнатпасак болбойт, мен жанагы ишти бүтүп, тыйын алдым да нан, арак алып келдим, Сагын болсо бир үндүктү таап, аны уурдабай эле эртең иштеп берем деп алып келди, - деди корулдагы. - Шамшыбек туура айтат, өз эмгегиме алып келдим, эми уят болбой барып жумушун бүтүрүш керек! - Азаматтар, үстүңөрдө үй бар, астыбызда казан бар, бир көр оокат ушинтип өтөт экен да, мен да бир-эки күндөн кийин иштейм. Калбүбү мага жар болуп берсе анда мен эч нерсе татпай баш отум менен жашоомду оңдогонго киришем. Алар ошентип сүйлөшүп жатканда Калбүбү ордунан туруп сыртка чыкмак болду эле: - Ой сен кайда, кеч кирип калды, ит талап кетет, тынчыраак эле жатып алсаңчы? - деди Бектемир. - Ажатканага барам, - деди эле Бектемир кошо чыгып ажаткананы көрсөтүп, өзү берээкте карап турду. Калбүбү кайтарууга түшкөнүн сезе сыр билгизбей кайра үйгө кирди. Тигил үчөө адегенде жүз граммдан басып алып анан үндүктүн этин казанга салып от жага баштады. Жарык жок, эки ай мурун "төлөбөйсүң" деп кыркып коюшкан, бир топ карызы да бар экен. Үй ичи караңгы, эптеп сырттагы казанды кайнатууга аракеттенип атышты. Тээ бир топто казанды көтөрүп келип, темир мештин үстүн ачты да кагаз күйгүзүп, анын үстүнө жыгач отундан салып коюшту. Жалбырттап күйгөн отундун жарыгы үйдү жарык кылып, этти алып келип ортого койду. Анан шорпосуна салаар эч нерсе жок, чыныга куюп ичүүгө өтүштү. Калбүбү аргасыз кудай кошкон насиптештери менен алар берген эттен жеп атты, шорподон ичти, арактан куйганда "ичпейм" десе болбой дагы эки жолу ичирип коюшту. Тигилер ылжый мас болуп эптеп жатып уйкуга кирди. Бектемир болсо кадимки өз аялындай аны менен чогуу жатып өз милдетин аткарды да, коңурук тарта кетти. Көпкө былк этпей жатып, анан тигини катуу уктады го деп ойлоп, Калбүбү ордунан туруп сыртка чыкты. Чоң жолго жетип калганда айдын жарыгынан аны көрүп Бектемир жетип келип үйгө алып кирип сөгүнө баштады: - Эн-неди жалап, мен сени жакшы катын болсо жашап калайын деп жатса мунун качканын көр! Эй достор тургула, мынабуну үчөөлөп ордунан туралгыс кылып жайлап салалы, жок дегенде он күн жыргап алалы! - деп Сагын менен Шамшыны ойготту, - жаныңар болсо бирден кирип чыккыла! - Бектемир, кой антпе, эми качпайм, аларга салып бербе, айтканың менен болоюн! - деп чырылдаган Калбүбүнүн үнүн укпай, калган арактан куюп ичип алды да өзү басып жыгылды. Андан кийин тигил экөөнү тукуруп атып алар да кирди. Калбүбүнү кыйнап көпкө эрмектешти. - Ой Беке, сонун кылбадыңбы, жөн эле жыргай түштүм, аял көрбөй канчадан бери көзүбүз тунара баштады эле, - деп экөө тең Бектемирге ыраазы болуп атып кайрадан уктап калышты. Бектемир арактан дагы ичип алып жинденип түнү менен уктаткан жок. Эртеси Калбүбүдө кыймылдаар ал калбай соолуп жатты. Ошентип аны үчөөлөп күндө эрмек кылып, күндүзү буту-колун байлап өлбөстөй кылып оозун таңып кетип калып, кечинде келет да кайрадан моокумдарын кандыра жатып алышат. Арадан бир айдай өттү, Калбүбү тулуптай болуп шишип кеткен. Бектемир аны көрүп, кичине боор ооруй түштү: "Кой бул бир байкуш болсо, ого бетер кыйнап кордой берсем болбойт, андан көрө иштеп, жаңы шорпо берип багайын" деп ойлоп, таң атпай чыгып кетти. Калбүбүнүн качып кете турган ал-абалы жок болчу. Бирок ал үйдө ээн калганда качып кетүүнү ойлонуп сыртка чыгып эки жакты абайлап карап туруп жолду карай жөнөдү. Эптеп чоң жолго жетип элеңдей каранып ылдамдай басып баратты. Алы жок, демигип улам токтой калып кимиси көрүп калат деп шашкансыйт, кадамы арбыбайт. Тээ айылдын четинен ортосуна жеткенде алы куруп, оозу кургап жыгылып кетчүдөй абалга келгенде бир үйдүн короосуна баш багып суу сурап ичмей болду. - Эже суу берип коесузбу, ооруп аттым эле, оозум кургап атат, - Ал баш баккан короонун эшигинде жүн тытып отурган аялдан жалооруй сурады. - Кир, кирип ичип ал, кран тигил жерде, - деген аял ордунан козголбой короонун эшигине жакын кранды карап колун жаңсады. - Рахмат эже, кудай жалгасын, - деп кайра артына бурулду да жолун улады. Кете берди, кете берди, улам эс алып отуруп кайра жөнөйт. Ошентип кетип жатып шалдырап жол жээгине өтүп: "Эс алып алайынчы, көзүм караңгылап баратат, бейтааныш элдин ичинде өлүп калбасам экен, өлбөй тирүү болсом бараар жерим каер, кимге калкаланам, ким мени тосуп алат эле?" деп ойлонгуча жол боюна күп этип жыгылып калды. Аны көчөдөн кой айдап келе жаткан бир киши көрүп калды да, ошол жерге жакын үйүнө эптеп экөөлөп көтөрүп кирди. Түн бир оокумда көзүн ачса бир үйдө жаткан экен. Бүткөн бою оорлоп шайы жок. Андан кийин уктай албай кара терге түшүп жата берди да, таңга маал кайра көзү илинди. Ал түш көрүп жатты, түшүндө ага бир ак сакалдуу карыя чөйчөккө суу сунуп: "Кызым, мына муну ичип алчы, ушул суунун керемети сени даңгыр жолго жеткирет, сен мындан ары жакшы жашайсың, ал, ичип ал" деп чөйчөктү колуна карматып көздөн кайым болду. Көзүн ачса таң аппак атып калган экен, ордунан козголмок болуп атканда босогодон бир аял көрүндү: - Тынч жата бер айланайын. Кайдан келаттың эле? Мындай абалда жолго чыкпай эле койбойт белең.. Тамырыңды кармап көрсөм көптөн бери ысык-жылык эчтеме ичпей эле суу менен жашап жүрүпсүң, алың жок - деди аял анын жанына жете келип. - Рахмат эже, ыраазымын сизге, - Калбүбү шыбырай сүйлөдү. - Кайдан келгенсиң, бул айылда таанышың бар беле? - Таанышым деле жок, бир байкушмун эже, шаарга барып эптеп күн көрөөрмүн деп келаткам.. - Калбүбү бул мээримдүү аялга жашырбай болгонун айтып берди. - Аа-аа кокуй, ал Бектемир убагында жигиттин эле гүлү болчу, курган бала арактын артынан түшүп алып азыр элден, журттан чыгып калган. - Шорума ошол жолугуп… - Калбүбүнүн көз кычыктарынан сызылып жаш куюлуп сүйлөй албай калды, эриндери көгөрө түштү. - Кокуй, көп сүйлөшүп койдумбу, азыр мен сага тамак алып келе коеюн, - деп ордунан тура жөнөдү тигил. Көп өтпөй чыныга тамак көтөрүп кирди, - эми сен аз-аздан ичишиң керек, азыр ушунун жарымын берем, кичине өзөгүңө бирдеме барса анан дары берем. Мен өзүм табыпмын, атым Батийна, сенин атың ким? - деп жанына отуруп Калбүбүнү абайлап өйдө кылып чыныны колуна карматты, - Ич, иче кой! - Атым Калбүбү, менин сиздей эжем бар эле, ал жакында эле өлдү, ошондон кийин мага жашоонун да кереги жок болуп качып чыккам… - Ошондой, абалың да начар, бери дегенде бир айда зорго күчүңө киресиң, кечээ сени күйөөм көрүп калыптыр. Сооп калтанын түбү тешик, азыр адамдар бири-бирине кайрым кылбай калды. Чалым экөөбүз боорукер жанбыз, балдардын баары үйлөнүп кетишкен. Мен киши көрөм, сени өзүм жакшы айыктырып анан жолго салам. Жашоонун кызыгын эми көрөсүң, чөкпө сиңдим, көп ойлонсоң ооруп каласың, - деди Батийна чыгып барып кийим-кече көтөрүп кайра кирип, Калбүбүнүн кийимин которуп кайра чыкты. Калбүбүнүн кардына тамак барганга сергий түштү. Маал-маалы менен ысык тамак, кайра чөптөн жасалган дары-берип, тамырын кармап атты Батийна. Калбүбүнүн кийген кийими тазарып, жакшылап караганга оңоло баштады. Ордунан туруп сыртка өзү чыгып калганда "ары-бери басып тур" деп айтып, Калбүбү күчүнө кирип шишиктери кетип кадимкидей болуп калды. Жакшы адамдарга жолугуп калганга ичинен кудайга ыраазы: "Көрөөр күнүм бар экен, бул эмгеги үчүн өмүр бою мында кызмат кылсам да мейли, өлүмдөн алып калды" деп ойлоп жүрдү Калбүбү. Арадан билинбей бир ай өткөндө кадимкидей болуп калды. Калбүбү бир күнү келип көрүнгөн элдин аягы басылганда дасторкон жайып Батийнанын маңдайына отурду да: - Эже, мага кылган жакшылыгыңызды актоого кудурет жок, ата-энем, эжемден кийин сиз мага төө көтөргүс жакшылык кылып өлүмдөн алып калдыңыз, эми жакшы болуп калдым, эгер жүк болбосом… - деп келатканда Батийна колун көтөрө токтотту: - Мен жакшылыкты кудайдан табам, сени кудайым мага атайын туш кылбаса кайдан, сенин көрөөр күнүң бар, ичээр сууң түгөнө элек, ошон үчүн сен антип айтпа, шыпаа менден а айыгып өмүрүңдүн сакталып калышы кудайдан, - деди. - Бараар жерим деле жок, болгону өз күнүмдү өзүм көрүп эптеп шаардан соода кылып жашайын деп ойлодум эле. - Шаарга барып соода кылганга көп акча керек Калбүбү, жок дегенде жумуш иштегенче турганга үй керек, кыйналып каласың, бирок мында түбөлүк тура албайсың, бала-чакам келет, топурап келгенде үй толуп кетсе өзүң кыйналасың. Эми өзүң бил, мен дагы бир жардам кылайын, шаарда менин таанышым бар, ал сени жумуш тапканыңча калкалап турат, - Батийна ак кагазга ишеничтүү кат жазып берди. Дарегин этегине тактап жазды. Колуна беш жүз сом берди. - Ыраазымын эже, жолдошуңуз экөөңүзгө өлүп калбасам бир келип кетем, - Калбүбү ыйлап жиберди. Азыр анын көз алдына көзүнөн заар чачыраган Астранын элеси, үйүнө алып кеткиси келбей жер карап нымтыраган иниси тартылып өзүн чыйралтты. - Аман бол Калбүбү, адамдарга кызмат кылуу менин парзым деп эсептейм, жакшылыгымды колко кылбайм, жолуң болсун! - деп колун жая бата берип узатты. Калбүбү ошол эле күнү кечинде шаарга жетти, жетип эле колундагы кагазды карап алып таксиге отуруп жөнөп кетти. Келсе үй бек, коңшуларынан сурамак болду. Бир жакыныраак үйдөн сурады: - Байке, бул үйдүн ээси кайда экенин, качан келээрин билбейсизби? - Ал үйүн жакында эле сатып кеткен. - Аа-а, кайда кеткенин билбейсизби? - Жо-ок, анысын биле албайм, айткан эмес, - тигил чоочун адам бурулуп басып кетти. Айласы кеткен Калбүбү шашкалактай түштү: "Эми кайда барам, кайда түнөйм" деп ары кирип бараткан адамдын артынан: - Байке, күн кеч болуп калды, түнөп алууга жай табылаар бекен? - деди үмүттүү карап. - Төлөсөң жашай бересиң, биерде баары платный! - Бир күнгө канча? - Айына төлөшүң керек, бизде суточный жок. - Суточный квартираны кайдан табам, айта аласызбы? - Аны тигил үйдөн сурап көр, - деди да короосуна кирип кетти. Үмүтү жана түшкөн Калбүбү арылай басып дагы бир короонун эшигин тыкылдатты. "Ким?" деген аялдын үнү чыкты эле: - Суточный квартира керек, келип коюңузчу. - деди Калбүбү, айлана күүгүм тарта баштаган. Эшикти ачып тигил аял Калбүбүнү бутунан башына чейин бир сыйра карады да: - Суточный квартира дейсиңби? - деди. - Ооба, бир-эки күнгө керек эле. - Күнүнө отуз сомдон, азыр өзү деле бир кишилик орун бар, - деп чоюла эшигин ачты. Калбүбү кирип көрсөткөн бөлмөгө кирсе толгон аялдар жатканы жатып, жатпаганы өз иши менен алектенип отурушат. Калбүбүнү карап калышты. Жанагы батир ээси анын артынан бир төшөк, бир жамына турган одеал алып келди да: - Мына муну алып төшөнүп бир четине жатасың, - тигилерге карады, - батышкыла, атаңардын үйүндөй талтайып жатпай, бул жерге он, он беш киши батат! - деп коюп чыгып кетти. - Колунан келсе отузду деле киргизип, биринин үстүнө бирин жаткырып койгусу бар, - деди бири ал чыгып кеткенден кийин, - Сен мурда кайда жашоочу элең? - деди, Калбүбүнү карай. - Мен айылдан келдим, Ат-Башы деген жерден. - Батирде жашап көрдүң беле? - Жок, мурун студенттердин жатаканасында тургам, андан кийин азыраак бир бөлмөдө жашагам. - Атың ким? - Калбүбү. - Бир топко чыгып калсаң керек, күйөөң, бала-чакаң айылда калдыбы? - Күйөөм да, балдарым да жок, - Калбүбү ойлуу жер тиктеп ушул саам Тилек менен уулу Бакытбекти көз алдына келтирип муңайып алды, - Болгон, эми экөө тең жок. - Капаланба, кечирип кой. Менин атым Бегимай, Нарындан болом, экөөбүз жердеш экенбиз, кайдан иштейсиң? - Азырынча иш деле жок, бүгүн келдим, эртең иш издейм го? - Издегенге эле жумуш жолдо жатат дейсиңби, андай болсо эртең мени ээрчи, сага жумушту мен таап берем, - деди Бегимай өзү Калбүбүдөн бир топ кичүү болсо да сенсирей. - Кандай жумуш, деги жашаганга болобу? - Айла жок, азыр бизге жумуш берчүлөр жок, сен уже картайып калыпсың, мен болсо жүдөмүш абалдамын, эптеп күнүмдүк жашоону өлбөстөй өткөрүп жүргөн эмемин. Билесиңби, азыр жаш кыздарды, таза кийинген кыздар менен келиндерди алат. Биз биердегилер баарыбыз бирдейбиз. - Көрөбүз да эртең, эс алалы, - Калбүбү анын сөзүн жактыра бербей күңк эте эмеле алып келип берген төшөктү жая салып жата кетти. - Баары бир жумуш табышың кыйын, кыш түшкөндө батирге төлөй албай калсак жертөлөдөн орун таап кетебиз. Калбүбү үндөбөй жатып алды. Анын жертөлөсүнө түшүнгөн да жок. Чарчаганга көзү илинип уктап кеткенин да байкабай калды. Эртең менен кыжы-кужу үндөн ойгонду. Аялдардын эбак эле ойгонуп алып өз алдынча жумуштарына жөнөй турган маалы экенин билди. Өзү да туруп бети-колун жууп келип анан базарды көздөй жөнөмөк болду. Ал жөнөгөндө Бегимай: - Эмне кыласың, жөнөйсүңбү мени менен? - деди суроолуу карап, - Ато кечке иш таппасаң ачка каласың, иш издеп кыйналбай мени менен жүрө бер? - Бүгүн издеп көрөйүн, болбосо көрөм. - Өзүң бил, мен көрүнгөндү эле токочумду бөлүшкөнгө чакыра бербейм, - Бегимай өзүнө тиешелүү баштыгын алды да кетип калды. Калбүбү байкап көрсө берки аялдар деле ашып кеткен аялдар эмес көрүнөт, баарынын токочу бир жерден табылат окшойт. Кийген кийимдери, турган туруштары жупуну экен. Калбүбү Батийнанын берген киймин таза жууп кийип жүргөн, өзүн алардан алда канча өйдөрөөк сезип, бирок ал аялдарга көз карашы жаман эмес: "бир кезде ушулар деле бир үйдүн ээси, балдардын апасы болсо керек, бу курган жашоо буларды ушул чекке жеткирсе керек" деп ойлоп базарга жөнөдү. Келсе базар кыжы-кыйма, музыка үнү, элдин шары аны жетелеп аралап кетип жатты. Анан эстей калып бир кыздан радиоузелди сурады: - Чоң кыз, радиоузелди айтып коесуңбу? - Сол жакка басып, кайра оң жакка бурулсаңыз көп эл жүрөт, ошол жерде. - Рахмат, - Калбүбү тигил кыз көрсөткөн жака ылдамдай басты. Ар кимиси өзүн камсыз кылаар жумуш күтүп жарыяны угуп ар кай жерде үйүлө калып жатты. Калбүбү ар кайсынысына барган менен жумуш таппады. Колунда бир аз тыйыны калган. Түштөнүп алып кайра келди. Бирок ага ылайык жумуш табыла койбоду. Бир кезде: "талаа жумушуна иштегенге жумушчулар керек" деген жарыяны угуп бир тобу менен барып эптеп ошого илинди. Беш-алтоо менен пияз тергенге барып бир ай иштеди. Бирок ал көпкө созулбады. Он беш күндөй иштеп, күн жаап калганда өзү ооруп калды. Ошону менен кайра шаарга келип баягы суточный батирге келди. Келсе баягылар жок, баары жаңылар экен. Тапкан акчасына дары ичип, батирин төлөп өз кардын тойгузуп акырына чыкты. Күттүргөн кыштын да келип калганы билинип, суук түшө баштады. Жумуш жок кейип, бир аял менен сүйлөшүп туруп эптеп жан багуу үчүн баклашка терип өткөрүүнү чечти. Ал аял өзү күндө баклашка терип иштейт экен. Таң эрте туруп кыдырып кетет, чоң мүшөк менен терип элүү тыйын, отуз тыйындан өткөрүп, бирок жарытарлык таба албады. Батирге отуз сом тапса, ичкенине жетпейт же кийими жок жылуураак, жедеп жүдөп бүттү. Баклашка терип жүрсө анын жанына өзү курдуу элүүлөрдөгү аял келип: - Кандайсың сиңдим? - деп калды. - Жакшы, - Калбүбү өз иши менен алектенип бош унчукту. - Кайда жашайсың? - Батирде. - Аа-аа, күндө канча табасың? - Өзүмө жеткидей… - Мен сага бир нерсе айтайынбы, алдагы баклашка менен кошо бөтөлкөнү деле тере бер, ал дагы акча, анан батирге төлөп отурбай менин жашаган жериме жүрү, карачы үстүңдөгү киймиң жука экен, кийим-кече да табылат, - деди ал. - Сиз кайда жашайсыз? - Мен тээтиги бийик үйлөрдүн ары жагында бир үй бар бүтпөгөн, ошонун бир жагында "үй-бүлөм" менен турам. - Макул эже, чогуу кетели ээ анан? - Ооба сени өзүм ала кетем, - Экөө акыр-чыкыр төгүлгөн жерден чукулап жүрүп баклашка менен бөтөлкө теришти, Калбүбү ошол күнү жетимиш сом таап алды. Ал аялдын аты Сейнегүл экен, ал күнү Сейнегүл менен барып анын жашаган жерин көрүп эси ооду. Анткени бүтпөй калган кабат үйүнүн жертөлөсүн пааналап эки баласы, күйөөсү менен жашайт экен. Күйөөсү экөө керээлден кечке кара курсактын камын көрсө, балдары базарда тилемчилик кылат экен. Ошентип Калбүбү алар менен туруп калды. Батирге төлөгөн акчасына нан, майда барат алып келет. Жаткан жеринин айрымасы деле жок, төшөнчүсү эптеп эле бирдеме. Баарына кайыл болуп көнүп калды Калбүбү, оорубай карды тоюп тынч жашай берсе эле ошого ыраазы. Бир күнү түш ооп калганда акыр-чыкыр салынган темир челекти аралаштырып жатса бир аял түйүнчөккө оролгон чоң бирдемени алып келип коюп Калбүбүнү карай мурдун чүйрүп: "ужас" деп коюп кетип калды. Калбүбү барып түйүнчөктү ачса эски модадагы драп, жакалуу пальто, жемпир, өтүк экен. Ал сүйүнүп алды: "Суукта кийгенге эчтеме жок калчылдап жүргөндө жакшы болбодубу, кудайым ай, атайын мага жөнөттүңбү?" деп көз жашы кылгыра түшүп анан бутундагы эски ботинкасын чечип таштап ошол эле жерден өтүктү кийип алды: "бир аз чоңураак экен, мейли бутум жылуу жүрсө болду, ооруп калбасам эптеп жан багаармын" деп ойлоп түйүнчөктү кайра түйүп көтөрүп алып жөнөй берээрде жанагы түйүнчөктү алып келип таштаган аял көзүнө көрүнө түштү. Калбүбүнүн жүрөгү болк этип кетти: "аны эмнеге алдың" деп урушабы деген ой келди башына. - Эже, - деди аңгыча ал, - Эгер кийем десеңиз дагы кийимдер бар, аласызбы? - деп аны караганда эмне дээрин билбей буйдала түштү, - Жаңы эле кийимдер, апам жакында кайтыш болгон, мага келбейт, тебелетпей бирөө жарымга берсем дедим эле, сообу тийсин! - Аа-аа, мейли сиңдим, ушул мусаапыр абалымда кийим тандамак кайда, - Калбүбү аны карай муңайым унчукту. - Анда жүрүңүз, мен сизге ошолорду берейин, - деп тигил аял аны ээрчите астыга басты. Анын үйү көп кабат үйдүн үчүнчүсүндө, терезеден дал мусорду караган бөлмө экен. Босогого туруп калган Калбүбүнү ичкери киргизип ашканасына ээрчитип кирди да, - отуруңуз, мен сизге ысык тамак берейин, үшүп да калсаңыз керек, - деп чоң чыныга эттүү тамак куюп алдына койду, - тартынбай ичип алыңыз! - Анан өзү башка бөлмөсүнө өтүп бир аздан кийин чоң пакетке толтура кийим-кече көтөрүп келип койду да эки нан, май, кургак чайдан бир пачка кылып үстүнө салды, - Өзүңүз эле жашайсызбы? - Жок, бир үйбүлө менен турам, алардын эки баласы бар. - Үй алардыкыбы? - Жо-ок, үй деле эмес, подвалда турабыз… - Ий кокуй десе, эми эмне кылабыз, заманыбыз өзгөрүлүп бейбечара көбөйдү, улгайып калыпсыз, талаа-түздө ооруп калсаңыз эмне болот, тууган-урук, бала-бакыраңыз барбы? - Балам жок, жакын тууганым да жок… - Жаман экен, кыйын болуптур, - деп тигил шыпшынып алды да чөнтөгүнөн миң сом алып чыгып, - муну алып бекитип алыңыз, кереги тийет, сизди көрүп ошол көптүн биридир деп ойлогом, кайра терезеден карасам өтүктү кийип атыпсыз, чыдабай кетип, кайра бардым, эми батаңызды бериңиз эже, мен деле отуз бешке чыгып төрөбөй жүрөм, күйөөм табышкер, баары бар, иштебейм, болгону балабыз жок - деди тигил Калбүбүнү карай, - Атыңыз ким? - Калбүбү. Эмесе тилген тилегиң кабыл болуп жыл айланбай уулдуу бол садага, ылайым үйүңдөн баланын үнү угулуп бешик терметкен ырыстуу эне бол, Оомийин! - Калбүбү туурулуп кеткен арык колдорун бетине тарта бата кылды. - Айтканыңыз келсин, кез-кезде келип туруңуз? - деди тиги аял, Калбүбү ордунан турганда ал пакетти көтөрүп босогодон чыгарды, - Жакшы барыңыз! - Жакшы тур сиңдим, эмки келгенимде кубанычыңа ортоктош болоюн, мусапыр болсом да. - Айтканыңыз эле келсе экен, - Ал жылмая эшигин жаап алды. Калбүбү эки пакетти кармап алып кайра мусордун жанына келип, бир аз баклашка менен бөтөлкө терип эптеп көтөрүнүп ээн жерге келип кийинки пакетти ачып көрүүгө ашыкты. Караса ич кийим, байпактан үчөө-төртөө, көйнөк, шымдар, жылуу жоолук, дагы бир кийилген менен эч жери кетпеген көлөч-маасыны көрүп сүйүнүп алды: "Муну эми Сейнегүл тартып алат, маасы көлөчтү өзүм кийип алайын", деп пальтону кийип жылуу жоолукту салынып, көлөч маасыны да кийип, суукта тим эле жыргай түштү. Өзүнчө бир пакетке бөлүнүп ич кийим менен байпактарды да салып алды. Эптеп көтөрүнүп келген Калбүбүнү көргөн Сейнегүл менен Дарман: - Оой сен аябай олжолуусуң го ыя, тим эле чыштай жасанып алыпсың, - дешти. - Чын эле, жаңы кийимди сатып алдыңбы, сен акчаны бекитип жүргөнсүң го? - деп кыртышы сүйбөй сүйлөдү Сейнегүл, ичи тарый. - Кайдан, эл ичинде кайрымдуу адамдар бар тура, мусорлорду аралап жүрсөм бир келин үйүнө алпарып кардымды тойгузду да буларды берди, өзүм мусапыр болсом уялганды ким коюптур, алып алдым, силерге да бирдеме бар, - Калбүбү тамак-аш салынган пакетти берди эле Сейнегүл ачып алып кубанып кетти: - Ой Дарман, бери кел, көптөн бери ысык шорпо иче элекпиз, Калбүбүгө бир кыдыр жолуккан го, килейген эт салып бериптир, ошону тамак жасайлы! - Атаңдын көрү, жакшы болгон тура кемпир, бу Калбүбүнүн жолу жакшы экен, бул келгенден бери биздин да тапканыбыз жакшы болубатат, - деген Дарман чакан казанды очок сыяктуу таштын үстүнө коюп от жагууга киришти. Калбүбү миң сомду айткан жок. Тамагы бышкыча Сейнегүл дүкөнгө барып кесме алып келе койду да түйүнчөктөрдөгү кийимдерди оодарып: - Баары эле аялдыкы тура, муну мен кийип алайын, байпактын бирин өзүң кий, экөөнү балдар кийип алсын, - деп бөлүштүрө баштады. Бүгүн буларга чоң майрамдай эле болду, анткени бир банка сары май, бир килдей шекер, чай, нандарды көрүп абдан кубанып атышты. - Тамакты "ошол бейтааныш келиндин тилеги кабыл болсун, бала төрөп алсын" деп бата берели, мени келип туруңуз деди, - Калбүбү да ичтен кубанып азыр анын көңүлү ток болуп отурду. Анткени ал миң сомду эч качан кармап көрбөгөн. Өзүнчө эле кудуңдап: "ошол акчаны бузбай үстүнө кошуп турам, иштейм" деп ойлонуп аткан. Карды тоюп калган эки баланын да күлкүлөрү чыгып, бүгүн бир маанайлары көтөрүлдү. - Баса, биздин түрүбүздү көргөндөр мурундарын чүйрүп терс бурулуп кетишчү эле, сени ал келин кантип үйүнө киргизди экен? - деп чын дили менен сурады. - Кайдан билем, мен мусор челекти аңтарып жатканда чынында ал жактырбай өтүп кеткен, кайра келиптир… - Балким ошонун дээрине кудай таалам мээрим киргизип ушул мусапырга жардам бер десе керек! - Сейнегүл күлүп калды, бирок ал эскинин жаңысы, жакалуу пальтого кызыга ичи тарып турган. - Кийип көрөйүнчү, - деп пальтону алып кийип көрдү, эле туура келди, - Ай Дарман, мага деле жарашат бекен ыя? - деди күйөөсүн карай. - Укмуш жарашат экен, өзүңкү болбогондон кийин кызыкканда не байбиче, андан көрө тигил Жалдагы байлардын мусурунан мындайлар көп табылат, бизге туш болбой калып жатат да. Тиги Дордойдун жака белинде дагы ошондой дейт. - Анда ошол жактарга барып кар жааганча пальто таап алсам болот эле, өтүк го табылды, - Сейнегүл пальтону чечип Калбүбүгө берди, - аябай жылуу экен ай, жыргапсың. - Шүгүр, кудайга ыраазымын, өзүң көргөн жука немеден титиреп зорго жүрдүм эле… Ошентип кобурашкан бечаралар күүгүм кире төшөктөрүнө чүмкөнүп жатып калышты. Калбүбү акчасын жоготуп алуудан коркуп эртеси базарга барып ийне-жип алды да ички колтугуна акчасын тигип алды. Кыш түшүп кар калың жаады. Мындайда мусурду кол менен да, шиш менен да аңтара албайсың, тоңуп калган неме козголбойт. Жаңы ыргытылган болсо эптеп таап өткөрөт. Кыш чилдесинде Калбүбү буту ооруп жатып калды. Анын пальтосун Сейнегүл кийип кетчү болду. Аны көрүп турса да унчуга албайт Калбүбү, не демек, тыйын таппай абалы оор болуп жатса: "Акчаны көйнөккө тиксем болмок экен" деп ойлогон Калбүбү бир күнү эртең менен эрте туруп пальтону кийип бир жакка жөнөмөк болгондо Сейнегүл: - Ой каяка, өзүң ооруп атып? - деди. - Баягы келинге барып тамак ашка тыйын сурап келейинчи, келип тур деди эле… - Макул, барсаң барып келчи, - Сейнегүл унчукпай калды. Ошентип ал ээн талаа менен баратып пальтонун колтугундагы акчасын сөгүп алды да бекем бекитип алды. Анан баягы келиндин үйүнө чындап эле жөнөдү. Бирок даап бара албай, мусур челектердин ичин карап жүрдү, жаңы эле тазалап кеткен экен. Айласы куруп илкий басып кабат үйдү көздөй басып баратты, алы кетип зорго үчүнчү кабатка чыкканда аны ошол келин тосуп алды: - Келиңиз эже, сиз мага периште болуп жолугупсуз, мына мен кечээ доктурда болуп, үч жумалык боюмда бар экенин билдим. Кириңиз үйгө, күйөөм бар, ал сизге сүйүнчү берет! - деп колтуктап кирсе болобу? Калбүбү ишенип-ишене албай жүрөгү лакылдап кетти сүйүнүчтөн. Ал азыр жээни Астранын "жолу жок, кара жолтой, тайкы пешене" деген сөздөрү кулагына жаңыра көңүлү азып жыгылып кете жаздап, үйгө келиндин жардамы менен кирди. - Жакшы болгон тура, боосу бек, бактысы бийик болсун айланайын, - деп жетелеген жагына баратты. - Ай Тилек, Тилек дейм, мен айтып жүргөн эже келди, сүйүнчүңдү даярда, эжем ак жолтой экен! - дегенде Калбүбүнүн ого бетер көңүлү аза түштү: "Тилек, Тилек дейби?" көздөрүнө жаш каканактай түштү. - Оо, жакшы болгон тура, эжемди жакшылап конокто, мындай кишинин батасы оңой менен ката кетпейт! - Тилек узун бойлуу, кең далылуу мурутчан жигит экен, бакылдап төркү бөлмөдөн чыга калды. "Өх" деп алды Калбүбү: "Менин Тилегим өлбөдү беле, эмнени ойлонуп жибердим, ботом" деп диванга отурарда келин анын пальтосун чечип илгичке илди. - Эс алыңызчы, ооруп атасызбы? - Бир жумадай болду, ордуман турбай жатып, бүгүн жок дегенде бирдеме таап келейин десем эч нерсе жок, анан сага келгем, - Калбүбү демиге зорго сүйлөдү. - Гуля, бул эжеге адегенде ысытып жылытмадан бер, анан жүз грамм таза арактан ичир, жедеп сууктап кеткен тура, анан тетиги чучукту салып эт менен тамак ас! - Тилек Калбүбүнүн жанына отуруп. Бул кезде Калбүбү өзүнө-өзү ишенбей ушул үйдө түшүндө отургандай магдырай көзү илинди. Жылуу үй, жумшак диванда жаны жай ала көшүлүп баратты. Ошол көзү илингенде түшүнө баягы аксакал карыя дагы кирди: "Кызым жакында сенин багың ачылат, чыда чыдай тур, сен көп жашайсың, тээтигил үйдү көрдүңбү, ошол сенин үйүң, ошого жеткиче чымыркан" деп көздөн кайым болду, аны Гуля ойготуп жаткан экен: - Эже туруңуз, тамак ичип алып эс алыңыз! - деп колтуктай ашканасына алып барды да чоң чыны менен бир кылып майлуу эттен жасалган шорпо берди. Аны ичкенден кийин ага чакан стаканга толо арак куюп берип, - Ушуну ичип жибериңиз, суукту айдап жиберет, айыгып кетесиз, - деди эле аны эптеп ачууркана жутуп ийди. Анан Гуля аны кайра диванга ээрчитип барып, - жатып эс алыңыз, мен тамак жасай коеюн, - деп кайра ашканасына кетти. Ал күнү ошол жерде түнөдү, эртеси чындап эле жеңилдеп калыптыр. Анткени түндө дагы ысык тамак менен жүз грамм аракты Тилек экөө ичирип койгон. Эртең менен дагы берди. Кетээрде бир сыйрасын кийгизип: "Сообу тийип уул төрөп алсам экен, батасы тиет" деген ойдо тамак-ашты толтура салып берди. Тилек ага миң сомду өз колу менен берсе, Гуля ага көрсөтпөй дагы беш жүз сом берди. - Айланайындар, мендей бечара мусапырды сыйласаңар силерди кудай сыйлап эшигиңерге кут орнотсун, балдардын убаган-чубаган периштелери колдоп, уул-кыздын ырыстуу ата-энелери болгула! - деп Калбүбү туурулган колдорун жая ак дили, чын пейили менен бата берди. - Айтканыңыз келсин, эми буйруса жээнтек тойдо келиңиз! - деди Тилек ыраазылык билдире. Калбүбү эки жагына эки мүшөктөн тигилген баштыкты көтөрүп түшкө жакын келди. Балдар эле бар экен. Дарман менен Сейнегүл тамак издеп кетишкен. Баштыкта варенье, салат, эки жилик эт, бир бөтөлкө арак, кант, чай - койчу деги, баары бар экен. Кийимдерди тандап өзүнө жакканын башка баштыкка салып, калганын коюп койду да тамак жасаганга киришти. Балдары конфет менен печенье жеп оңуп калышты. Кечинде келген Дарман менен Сейнегүл аны көрүп: - Ой деги барсыңбы, "ооруп атып зорго кетти эле бир жерге жыгылып тоңуп калдыбы" деп ойлонуп эртерээк сени издеп чыкканбыз. - Жо-ок, баягыда айтпадым беле, ошол Гуля деген келин мени көрүп кубанганын айтпа, анын үч жумалык боюнда бар экен, күйөөсү экөө кетирбей коноктоп калды, көрсө канча жылдан бери доктурга, молдо-кожого барып төрөй албай жүрүптүр. - Ийи анан? - Дарман кызыга сурап калды. - Анан бир көзү ачык силер бейбечаралардын батасын алып, ошолорго кайыр-садаганы аябай берсеңер балалуу болосуңар деген экен, анан мен ага жолугуп атпайынбы? - Калбүбү жылмайып алды. - Мен дагы кудай сүйүп жараткан пендемин да. - Туура, кана эмесе базарлыгыңды алып кел! - деп Дарман отура кетти. - Сенин келгениң бизге да жакшы болду ай, карачы балдарымдын кубанып конфет жеп атышканын, - Сейнегүл балдарын эки канатына алып баштарынан сылап эркелетип муңая сүйлөдү, - Баса бүгүн канчасы ыя, Тикунун бүгүн туулган күнү, дегеле ушулардын туулган күнүн өткөрмөк турсун кийим-кече алып бералбайбыз, мен барып бир бөтөлкө алып келе коеюн! - Сонун болот эле, суукта иштеп жүрүп денсоолукту да жоготуп атабыз, - Дарман оңдонуп койду. - Жөн кой Сейнегүл, менин базарлыгымда бар, - деп Калбүбү 07лик үч бурчтуу бөтөлкөнү алып чыкканда экөө тең маңдайлары жарыла сүйүнүп кетти, - деги ушул кургурду ичип жүргөн жакшы окшойт, барганымда эле чоң идишке килкилдеген майлуу эт кошулган шорпо менен ичирип коюшкан. Ошого бүгүн тим эле сонун болуп калыпмын, ай. - Ай чындыгында жаткан жерибиз да сыз, суукта жүрсөк, ошонуку го. Кой эмесе, чал, ач тигини, тамактын астында алып ийели, - Сейнегүл күйөөсүнө карады. Ал бөтөлкөнү ачып чети сынык майда чыныларга куюп үчөөнө койду: - Эмесе Сейнегүл, Дарман, ушу Тикунун өмүрү узун, келечеги кең болуп ылайым бактылуу болсун ээ?! - Айтканың келсин! - дешип үчөө алып ийишти. Семиз эттен жасалган тамакты бир-экиден алып тойгондой боло түштү. - Ата-аң гөрү, эттин семизин кара ыя, эти жок эле май экен, - Дарман колундагы кайып каскагынан жеп отурган жиликти айландыра карады. Калбүбү ошол күнү арак ичкенге кызый түштү, анан түрмөдөн чыгып Жанболот менен жашаган аз убакыт жыргалын, андан кийинки Тилек менен өткөргөн жакшы күндөрүн эстеп ызаланып ыйлап кирди. Эсинде бала кезинде, анан Тилек менен жашаган бактылуу жылдары гана калган. Студент кези болсо айтып бүткүс жомок эле, анда Калбүбүнү жалт карап кызыгып, артынан түшпөгөн жигит жок эле, анда ал ого бетер текеберлене бирин да теңине албай жүрүп акыры Тилекти өзү эстен тана сүйгөн: "Ажалың жеткир, мага катылбаса мен ага тиймек эмесмин, өзү кылды" деп ойлоп алды Айнураны. Анын телмирей ойго батып калганына Сейнегүл: - Сага эмне болду ыя, кел мына муну алып ийелик, баламдын өмүрү узун, бактылуу, таалайлуу болсун, сен дагы ушинтип сүйкүмдүү селсаяк болуп бул жашоодо өз бактыңды тап! - деди аны чукуй. - Ой кайдагыны айтпачы Сейнегүл, эми мага кайдагы бакыт, азыр ойлосом, бир ай мурун мен элүүгө чыгыптырмын, эсимде да жок, - күлүп калды, - Жашоо кызык тура, өлгүң келип ачуу турмуштун запкысынан зээниң кейип турса да бир үмүт алга карай жетелеп турат… - Ошо да, мына Дарман экөөбүздүн жашаганыбызга жыйырма жыл болду, канча жыл төрөбөй жүрдүм, анан заман өзгөрүп кетти, дале экөөбүз жашай бердик, мунун туугандары мени кодулай баштады, экөөбүз ажыраша албай акыры үйдү сатып баса бердик. Соода кылып жүрүп Дарман ичип туруп алды, акыры банкрот болдук, анан буга кошулуп ичип жүрдүм, батирге төлөй албай калдык, дал ошол кезде боюма бүтүп калыптыр! Элестет, үмүтүбүздү үзүп, жашоону жек көрүп калганда бир күнү эле ичим "бүлк" этет, адегенде чоочуп алдым, - Сейнегүл чечилип сүйлөп жатты, - Дарманга айткан жокмун, жөн эле үмүттөнтө бербейин дедим, анан ичим билине баштаганда, кыймылдаганда ишенип анан айтсам бул сүйүнүп аракты койду, кээ-кээде гана ичебиз, ошентип ушул күчүктөрдү зарыгып тапканбыз. - Ошо кудайдын бергенине шүгүр де, мен такыр эле ойлобой калгам, ошончо жылдан бери төрөбөгөн аялым төрөп берет деп, анан экөөбүз тең үй жай, дүнүйөбүз болбосо болбосун, балалуу болсок болду деп ойлогонбуз, кудайга шүгүр Сейнешим мага балканактай кылып эки уул төрөп берди, - Дарман өзүнчө бактылуу боло сүйлөп, калган аракты куйду, - Бу аракты ошондо "ичпейм" дегенмин. Мындай суукта ичип койбосок болбойт, анда-санда. Балдары эбак уктаган, үч караан үлпүлдөгөн шамдын жарыганда сүйлөшүп көпкө отуруп анан жатып калышты. Бирде тапканына бапыраңдап калышса, бирде күнүмдүк тамакка жетпей кабак чытып күндөр өтө берди. Чучук какшаткан суукта, буту колун, бетин тызылдаткан ызгаарда "кай жерден бүгүнкү оокатты табаар экенбиз" дешип чакан жертөлөдө кир, жылуулугу кетип эскирген төшөктө оронуп жаткан балдарын ойлоп эне-ата сарсанаа, убайымга батышат. Балдарынын бири ондо, экинчиси жетиде, экөө тең акыл-эстүү балдар, жокту түшүнүшөт, мектеп дегенди, окуу эмне экенин түшүнүшпөйт. Дарман менен Сейнегүл өз ойлорунда бат эле үйлүү болуп, балдарын окутуп ойдогудай жашоолорун өткөрүүнү элестеткенде көңүлү көтөрүлө түшөт. Бирок ойдун түбүнө жеткен ким бар, ой күлүк, бир аздан кийин кабыргалары кайышып, "жоктун жону катуу" дегендей кулдураган курсактын камын эстеп жүрөктөрү "зырп" эте түбүң түшкүр кең дүйнөнүн бирөөнө кең да, бирөөнө тар экенин сезгенде шуу эте үшкүрүп алып көр оокаттын камы деп кар кечип, жер кезип жөнөшөт. Калбүбү болсо баягы акчаларын бузгусу келбей катып жүрө берди, күндө эптеп бир мүшөк бөтөлкө, баклашка аралаштырып май саткандарга өткөрүп нан, май, туз алып кечинде келет. Кесме алып келген күнү өзү тамак жасап балдардын кардын тойгузуп, Сейнелер келгиче ысык чай берип уктатып коет. Тапканы аз болгондо нан менен ысык чай ичип жатып калат. Дарман менен Сейнегүл өздөрүнөн мурун балдарынын айласын ойлошот. Ошол күнү да экөө ээрчишип чыгып жолдо баратып чукулдашып алышты: - Же эркектей болуп бир жакшыраак жумуш таба албайсың, балдарды окутмак турсун кардын тойгуза албай калдык, ушинтип жүрүп суук өтүп ооруп калсак, өлүп калсак алардын көргөн күнү эмне болоор экен? - Эмне кыл дейсиң, иштейин деп эле жатам, оңуту келбей жатпайбы, кудай буйруп, жаз келсе биржадан иштейм да балдарды окууга беребиз, батир жалдайбыз. - Кыйраттың, ошентип жыргатып койуп, канча жаз, канча кыш өтүп атат. Кой экөөбүз бөлүнөлү, бир жүрсөк аз болуп калат, эч ким бара электе кечээки төгүлгөн мусурду карайлы, бар эми сен тиякка! - Сейнегүл өзү бөлүнүп ары карай карды матай жөнөдү. Алардын ушул жертөлөдө жашаганына он жыл болду, эч кимдин булар менен иши деле жок, анткени алар ичип алып мушташпайт, кечке талаада жүрүп кечинде келишет, тынч жашагандарга ким тийишмек эле. Сейнегүл үшүгөнүнө карабай өзү көздөгөн таштандыга баратат, бир жолу ал кагаздын ичинен конверт таап, сүрөтү бар китептерге кошуп; "балдарым ойнойт" деп көтөрө келген. Балдары карап ойноп жатып конвертти алып андан жалаң он миңдик корейский акча таап алган, ошондон бери кагаз, конверт болсо тытып аңтарат, эч нерсе жок. Бүгүн да ошолорду эстеп көз алдына көк-жашыл доллар элестеп кете берди. Негедир өзүнөн өзү жүрөк толкундаткан сезим пайда болду. Жетти … Аңтарып жатат, көптөн бери кар жаабай кургак суук болгонго таштандылар кургак экен, челе берди, бир кезде колуна жип илээшип аны тартып алса алтын чынжырча кошо чыкты, жүрөгү кубанычтан лакылдап чыкты, ичке чынжырчаны улам карап атып тазалап чөнтөгүнө салды: "буйурса муну өткөрсөм бир топ акча болот" деп кызыга дагы челип кирди. Көпкө убараланды, эч нерсе чыкпай: "мейли ушуга дагы тобо, эчтеке жок барсам эмне болот эле, быйыл кышы менен Калбүбү бизди жакшы тойгузду, эми мен дагы бир жакшы эт алып ысык тамак жасайын", деп кетмек болду да чаң, суу болгон өтүгүн тазалап кагып атып целлофанды көрдү, аны ачып көргүсү келди, ал бекем оролуу, ичинде кагаз бардай барпаят, эңкейип аны алды да оозун чечпей эле айрып жиберди. Жүрөгү лакылдап кулактары тунуп эси оой түштү, баштыктарга ороп салган толо акча, блокнот, ручкасы менен, көпкө дел боло карап туруп анан эки жагын селт эте каранып алды: "кудайым ай, деги бул жасалма акча эмеспи" деп да ойлоп кетти: "Эмнеси болсо да үйгө барайын, анан көрөөрмүн" деген ойдо чаар баштыгына салып алып кудуңдай үшүгөнүн да сезбей кетип жатты. Ал келгенде Калбүбү келип калыптыр. Ал бүгүн баягы беш жүз сомун бузуп бир топ тамак аш менен арзаныраак деп сары жүрмөдөн алып келип казанга асып койгон эле: - Калбүбү, мен бүгүн жолдуу болдум, балдарымдын ырыскысы бар экен, эртең батир жалдайбыз, сүйүнчү! - деди кубанычтуу. - Болсун, болсун, - Калбүбү ага карап кубана артынан жертөлөгө кирди. - Мына, Калбүбү карачы, мынабы акчаны көрчү, деги жасалма эмеспи ыя, жакшылап карачы! - Сейнегүл акчаны чачып алып ирээттеп кирди, - Ой ушуну кечке соода кылгандар унутуп мусуруна байкабай кошуп ийген го? - Ай-ий ай Сейнегүл, кудай берген турбайбы, нак эле акча! - Калбүбү акчанын крупныйын иргешип кирди. Миң сомдуктарды өзүнчө кылып жатканда Дарман келип калды. Көк муштум болуп үшүгөн: - Ээ байбиче, жолум болбоду. Эчтеке таппай келдим, - деп келатып эле акчаны көрүп, - Оой бул акча кайдан? - деп келип отура калды: - Чал, муну кудай бир берди! Көрдүңбү, балдарымдын ырыскысы! - Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, оо жараткан! - Дарман жакасын кармана ыраазы болуп көздөрү акчаны көрүп жайнай көздөрүнө жаш келе түштү, - Барбаган жерим калбай, бут тартаарга дарманым жок үшүп, зээним кейий зорго келдим эле. Үчөөлөп санап акчаны бөлүп жатышты. Бир күнкү соодабы же эки күндүкпү, ким билсин, арасында жүз долларлык кагаздан бешөө, элүү доллардан бешөө бар экен. Баарын санашса элүү миңи доллар менен, жүз миңден ашып кетти. Өздөрүнчө кубанып отурушуп тамактанышты. Сейнегүл марттыгы кармап: - Сенин көз акың бар, сен келгенден бери жолдуу болуп атабыз, сага беш миң сом берейин, биз эми айылга кетип балдарды окутуп адамча жашайлы, сен да соода кылып өз жашооңду өткөр! - деп заматта баарын чечип салгандай бабырашып, уйкулары келбей отура беришти. Адам баласы курсак тоюп чөнтөгүндө пулу болсо көңүлү жайдары болуп, телегейи тегиз, дүйнөсү түгөл, өмүр сызыгын өз каалагандай сызып алчудай абалга жетип калат эмеспи. Саналуу гана сааттын ортосунда, жертөлөдө жашаганына карабай дем байлап, эртеңки бакыбат жашоолору көз алдына тартыла кубанычка балкып уктагылары келбей кобурашууда: - Сейнегүл, бүгүн мен дагы жолдуумун, сеникиндей көп болбосо да акчам бар, - кокус айтпай койсом болбос, баягы Гуля бүгүн базардан жолукту, ичи чоңоюп калыптыр, анан мени көрүп эле учурашып, колума акча карматып кетти, карасам эки жарым миң экен, беш жүзүнө оокат-аш алып, эки миңди катып алгам, - деди Калбүбү. Ал оюнда: "Кокус айтпай койсом меникин уурдап алдың деп жүрбөсүн, ачык айтайын" деп ойлогон. - Жакшы болуптур, деги эле ак жолтой экенсиң, быйыл сен келгени тамак-ашка кеңейип калдык, эми ошол акчаңа бул акчаны кошуп соода кыл, биз айылга эле кетпесек болбойт, эртең бир ажырашаяк кылып жакшы отуралы, анан үйгө керектүү төшөнчү орунчу алалы, элдин көзүнө жакшылап барбасак, - деп Сейнегүл өзүнчө бир кыялдана сүйлөдү. - Ооба, байбиче туура айтат, туугандарга да катышпай кеттик. Адегенде, Сейнеш, бир квартира табалы да, төшөнчүлөрдү ошол жерге алпарып бир аз жашап, анан экөөбүз балдар менен айылга барып учурашып келели. Үй жөнүндө сүйлөшөлү. Мал-сал алып, жашоону оңой турган бололу, ушунча жыл азап тартып таштанды тергенибизди билгизбей тууган алдында корсоюп барып келип, анан бул акчаны иштетели, кудайдын бергенин чачпай уланталы! - Мына, чалым ушундай эле акылдуу дейм да? - Сейнегүл каткырып калды, - абысын-ажынга бир чыкыйып барып коелу. - Туура кыласыңар, издесең, иштесең да табалбайсың, муну кудай өзү бергенде карманып калгыла, - Калбүбү чын ниети менен ак оюн айтты. Ошентип таңга маал гана оронуп отурган бойдон көздөрү илинди. Эртеси балдарды калтырып үчөө базарга барып бир сыйра кийим-кече, балдарына жылуу кийим, бут кийим алып, андан кийин тамак-аш алып, эки бөтөлкө арак, балдарына конфет, печенье, кола алышып көтөрүнүп үйгө келишти. Бул күнү өздөрүнчө дуулдап дагы түн бир оокумга чейин отуруп көңүлдөрү көтөрүңкү. Балдардын кубанганын айтпа, жаңы кийимдерди кийип алып эшикте ойноп жүрүштү. Өздөрү дагы каткырып күлүп жашаган жеринин сыз, суук экени эстеринен бир азга болсо да чыгып кушубак отурат. Эки күндөн кийин, ордуна жаман төшөнчүлөрүн таштап керектүү буюмдарын, казан табагын алып ал жерден көчүп батирге келишти. Ошол кезде кар эрип, ала шалбырт болуп калган. Күнү кечке үчөөлөп төшөнчү, идиш-аяк ташып батирин толтуруп алышты. Үч күндөн кийин Дарман менен Сейнегүл балдарын таза кийинтип, өздөрү да кымбат кийимдерден алып кийинип алып айылга жөнөштү. Калбүбү да таза, арзан кийимдерден кийинип алып соода жасоого киришти. Жалгыз күндө өзү келип акчасына аз болсо да кошуп жашап жүрдү. Сейнегүлдөрдөн дайын болбоду. Ошол күнү Калбүбү базардан кеч келди. Келсе үйдүн ичи чачык, кулпу бузулган. Караса чогулткан акчасы жок, отуруп буркурап ыйлап ийди да, кайра сыртка чыгып коңшу батирдегилерге кирди, баарын үйгө ээрчитип келип көрсөттү. Алар эчтеке көрбөдүк дегенден башка айта алышпады. Колунда бир күндүк товарынын гана акчасы калган. Аргасыз ыйлап-сыктап, кожоюнуна дайындап эртеси соодасына чыкты. Анын эмки санаасы Сейнегүлдөрдүн килем, паластарын жоготуп ийемби деген коркунуч болуп атты. Алар болсо кечиккенден кечигип жатты. Жалгыз жашап тажап кетти. Арадан бир ай өткөндө келишти, көңүлдөрү куунак, балдары томпоңдоп өңдөнүп калышкан. Келип эле Калбүбү менен өбүшүп бир туугандай учурашып көрүшүштү: - Кандай жакшы келдиңерби, тууган-уругуңар тынч бекен? - Калбүбү алардын келгенине маңдайы жарыла сүйүнүп сурап отурду. - Баары жакшы, күндө ар кимиси конокко чакырып сыйлап атышты, тим эле балдарыбызды көрүп кубанышты, - Сейне айтып бүтүрө албай алып келгендерин ортого коюп бабырап жатты. Ээ байбиче, анын баары колубузда акча, жүдөбөй тың бардык эле баары сыйлашты, кокус баягы жүдөгөн бойдон самсаалап барсак кайда-ан? - Дарман чындыкты, ичтеги оюн айтты, - Ошон үчүн кудайга ыраазымын, ушу балдардын ырыскысына табылганы. - Ошону айтсаң, балдарга эки үй тай энчилешти, кой-козу, улактан өйдө берип атышты, барсак үй даярдамак болду. - Жакшы болуптур, - Калбүбү ойлуу айтты, - Алар дагы силерден көңүлү тынып, балдарды көрүп ыраазы болуп калышкан экен, - деп өз бир туугандары, иниси, эжесин ойлоп муңайып алды, - Адам катарына кошулайын деп канчалык аракет кылсам да болбоду, баягы акчага дагы миң сом кошуп туруп жоготуп алдым… - Кантип, кайдан жоготтуң? - Сейнегүл чоочуй сурады. - Ушул жерден эле, кеч келип үйдүн ачык турганын көрүп коркуп кетип карасам буюмдар турат, менин акчам жок. - Кокуй күн ай, жаман болгон турбайбы! - Сейнегүл боору ооруй кейип сүйлөдү. - Ошону менен баардык жаманчылыгың чыгып кетсин, мындан аркысы жакшы болсун, көп кейибе! - Дарман анын көңүлүн көтөрө сүйлөдү. Сейнегүл айылдан алып келгендерин дасторконго жайып, тамагын асып күйпөлөктөп жатты. - Мен силердин буюмуңарды алдырып ийемби деп корктум, өзүмдүкүнө кейип, ыйлап жүрүп буюмдардын ордунда турганын көрүп кайра сүйүндүм. - Ой, дагы өзүңө тийбегенине сүйүнсөң! Буюм курусун, буйруса болоор, буйрубаса жоголор, ага эмне кейидиң? - Дарман аны жайкай сүйлөдү. - Ошону айтсаң, сен бизге бир тууганыбыздай болуп калдың, буюм жерге кирсин, өзүң аман болчу! - Сейнегүл дагы анын көңүлүн көтөрө сүйлөп жатты, - Тигил жакта жүрүп да сени ойлоп жаттык. - Мен дагы, силерге көнүп алыпмын, коңултуктап көнө албай жүрдүм, келип калабы деп жол караганымчы! Аңгыча оокат бышып бапырап тамактанып атышты. Кээде карасаң бир үйбүлө деле кер-мур айтышып, балдары чурулдап тынчтык жок эмеспи, булар кошулганына бир жылдай болуп баратса да бири-бирине нааразы болуша элек. Балдары да бири-бири менен урушпай-талашпай жымжырт ойноп отура беришет. Мындайды элибизде: "Кудай бере турган адамдар" деп коюшат го? Дарман менен Сейнегүл шымаланып соодага киришти. Калбүбүгө дагы эки миң сом берип, ал өзүнчө соода кылат. Дарман башты өйдө көтөрүп, жашоого, табийгатка суктанып эр ортону элүү жаштан ашканда бактылуу болуп турду. Айылга барганда дагы туугандарына барып чөнтөгүнөн доллар сууруп керсейип турганда алар чарк айланып сыйлаганы, балдарына көзүнө көрсөтүп тай мингизгени, кой козу, улак энчилегени көз алдынан кетпей атты: "Кокус колумда жок мусапыр болуп барсам кандай тосуп алаар эле?" деп өзүнчө ойлонуп да алат. Билинбей жаз келип жайга, кайрадан күзгө айланды мезгил: Калбүбүнүн соодасы болбой кыйнала берди. Дармандар болсо абдан ирденип калды, акырындап машина алышты. Андан кийин дагы сооданы жүргүзүп иштеп жатышканда агасы келип аларды айылга алып кетмек болду. Дарман бул кезде айылга кеткиси келбей балдарын мектепке сүйлөшө баштаган эле. Ага болбоду, алып кетүү үчүн келгенин айтып үй даяр деп болбой койду. Калбүбүнүн айласы куруду, Сейнегүлдөр буюм-тайымдарын алып аргасыз көчүп кетишти. Төшөнчүсүнөн Калбүбүгө таштап койду. Жалгыздык аны катуу ойлонтту, батирге төлөй албай жанына кошо жашаганга бир келин же кыз алмай болуп атканда ага бир кыз өзү келди, батир издеп жүргөн экен. - Мен өзүм менен жашаганга келин же кыз алайын дедим эле, батир акысын чогуу төлөгөнгө, - деди ага Калбүбү. - Эже мен дагы сиздей болуп чогуу жашай турган бирөөнү издеп жүргөм, көп менен жашагандан тажап кеттим, - деди ал шыпылдай ичи-койнуна кирип. - Жакшы болду, мени менен чогуу тура бер, аз күндө батирдин акчасын беребиз, төшөнчүң барбы? - Жок эже, айылдан жаңы эле келгем, суточныйда турдум, алар төшөнчүнү өздөрү берет экен. - Аа-аа, анда кандай кыласың? - Бир-эки жума эптеп жашап турсам анан үйдөн жөнөтөт, акча дагы келет, ошентесизби эже? - деп Калбүбүгө мурдатан тааныштай жабыша түштү. - Бул айдын акысын бергенге акчаң барбы анан? - Калбүбү андан шекий сурады. - Ооба эже, аз күндөн кийин дедиңизби? - Үч-төрт күн бар, кийинки айга төлөшүбүз керек. - Болот эже, төлөйм! - деди тиги кыз шыпылдай. Ал кыз дароо эле бир-эки баштыгын көтөрүп кайра келип калды: "бир батирге экөөлөп төлөсөк жеңил болоор", деген Калбүбү жеңилденип алды. "Бир айдан кийин кыш келет, жылуу кийим-кече алалбай калдым, Гуля менен Тилекке барып келсем бекен?" - деп ойлонду, анын эмгиче төрөгөнүн же төрөбөгөнүн билбейт эле. Күндө эрте кетип кеч келет, Клара болсо кечке үйдө, кечинде кетет, анын эмне иште иштээрин туюк түшүнгөн менен үн дебеди. Батир акысын төлөөгө келгенде Клара Калбүбүгө жалдырап жиберди: - Сен табам дебедиңби, болбосо өзүм табат элем, - деп Калбүбү кейип кирди эле, ал: - Эже, төлөп турсаңыз, мен эки күндөн кийин зарплата алганда берем! - деди жалооруй, - Биздин шеф бүгүн айтты, сөзсүз эки күндөн кийин алам. - Болуптур, эки күндөн кийин бербесең кетесиң, тамак-аш деле алып келбейсиң, мен чоочун бирөөнү бакмак тургай өзүмдү зорго багып атам! - деп катуу айтты Калбүбү. Бирок "айтпаганга жонбогон" демекчи, ошол күнү түндөп Клара Калбүбүнүн товары менен болгон акчасын алып жолуна түшүптүр. Эртең менен ойгонсо баш жагына койгон акчасы менен сумкада турган майда товары кошо жок, дагы көз жашын көлдөтүп ыйлаган бойдон кала берди. "Батир акысын бербесең бошот" деп кожоюну да кыйнады. Аргасы жок ал эки төшөк менен идиштерин көтөрүнүп баягы Дармандар болуп чогуу жашаган үйгө келди, келсе аерге жалаң бомждардан беш алтоо кирип алыптыр. Кайра жөнөп келатып кайда бараарын билбей буркурап ыйлап алды. Күнү кечке жүк көтөрүп жүрө албай буту эрксизден Гуля менен Тилектин үйүн көздөй бурулду. Келип аларды да таппай калды. Коңшуларынан сураса төрөгөндөн кийин айылга кеткен имиш. Карайлаган там сүзөт болуп кайра ээн талаага барып суу түтүгү өткөн жерге чарчагандан бут серпе албай эптеп жатып калды. Бир аз наны бар, суу менен ичип алды, кайрадан мусаапыр турмуш ага кишенин салды. Айласы кетип дагы бөтөлкө тере баштады. Кыш келди, жатаар жери жок, өзүнө окшогон бир эркекке жолугуп, жашап жүргөндө анын мурунку ээрчитип жүргөн аялы Таня Калбүбүнү урушуп куумак болду. Ал жалдырап ыйлап ийди эле, боору ооруду белем тим койду, чогуу туруп калышты. Күндө ал алып келген тамагын тартып ичип алышат, тажады. Сыртка чыкса суук, ичке кирсе тигилер урушуп, тамак таппай келгенде жемелешет. Ит турмуш башына кайрадан түштү. Ошентип биздин каарман кайыр сурап жан багууга өттү. Кыштын кычыраган күндөрүнүн бири, колдору жумулбай тоңуп, эрди көгөргөн Калбүбү улам колун алмаштыра койнуна ката коюп бир колун суна суранып жүргөн. Күн чак түш, Макулбек менен Кызгалдак базардан тамак аш алып чыгып бараткан. - Мендей бечарага жардам берип койгула, мусапырмын! - деп турган аялды көрүп Кызгалдак боор ооруй, Макулбекти карады: - Мусаапыр экен, тыйын берип коелучу, майда акчаң бар беле? - Бар. Азыр берем! - деген Макулбек чөнтөгүнөн беш сом алып Кызгалдакка берип атканда Калбүбү агасын көрүп ары бурула берди. Ал байкап калып аны көздөй басып келип: - Карындаш, ал ала гой, бул күндөр да өтөт, эч кейибе! - деди эле көздөрүнө жаш толгон Калбүбү: "тааныса таны-ыр, тааныбаса мейли, кокус тааныса эмне дээр экен, чын эле биздин тукум мерезби, таш боорбу?" деген ойдо, Кызгалдак берген беш сомду алып туурулган колдорун өйдө көтөрө бата кылып койду: - Алла ыраазы болсун! - Калбүбү?! - Макулбек чоочуп кетти, "Калбүбү" деп алып кайра башкабы деп да ойлоп ийди, - Калбүбүсүңбү? Калбүбү калтыраган бойдон үнсүз көз жашын төгүп тура берди, - Курган кыз эмне болуп калгансың, кандайча бул абалга келдиң? - Макулбек анын жанына жетип бооруна кыса тегеренип кетти. Бир топко ошол абалда туруп калды эле, Кызгалдак ар кайсыны ойлоп жиберди: "Бул эмнеси, эмнеге кайырчы аялды миң сан элдин көзүнчө уялбай кучактап калды? Балким баягы алган аялы болсо керек" деп делдейе туруп калганда Макулбек Калбүбүнү карыдан алып жетелеп машинаны көздөй жөнөп баратып: - Кеттик, отур машинага! Кызгалдак, айда машинаны! - деди артында дел болуп турган аялын карап. Кызгалдак үндөбөй айдап жөнөдү, эч кимиси сүйлөгөн жок. Үйгө жетип жылуу бөлмөгө киргизип ысык чай ичилгенден кийин гана: - Мен сени Астра кубалап жибергенин уккамын, Токтобек менен Гүлсананы тилдеп сени тапкыла дегем, бирок алардын издеген же издебегенин билбейм.. - Макулбек үшкүрүп алды. Калбүбү жаш баладай соолуктап басылып калган, бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Кызгалдак баарын түшүнүп ойлогон оюнан уялып аны аяп да, боору ооруп да: - Кичине жылып калсаң ваннага түшүп чык, мен аңгыча кийим даярдап коем, - деди өзүнөн бир топ улуу болсо да кичүүдөй сүйлөп, - жеңилдеп ал! - Ошент, жуунуп алсаң өзүң да, оюң да тазалана түшөт, - Макулбек аны сүйкүм жүз менен узата карады, - Эми менин үйүмдө болосуң. Добулбек акем менен Коймал жеңемди кантип унутам, өз бир тууганыбызды мусаапыр кылып басып жүргөнгө намысыбыз жол бербейт, - Кызгалдакка карады, - Менден он жаш кичүү, онунчуну бүтүп жатканымда бул биринчи класста окуп коңгуроо каккан эле… - Ошол кез эсине түшүп жылмайып койду, - Такылдаган татына кыз болчу, аттиң тагдырың түшкүр! - Ойлуу отуруп калды. Кызгалдак Калбүбүгө бир сыйра кийим даярдап ваннага киргизип берди. Бир аздан кийин таптаза болуп, жаңы кийинип чыкканда салабаттуу эле жакшына аял болуп калды. Аны көргөн Кызгалдак: - "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" деген ушу да, карындашың койкойгон сулуу аял тура! - деп койду. - Кызга бергис карындашым бар. Эч ойлонбо садага, мен тирүү турганда эми сен мусаапыр эмессиң! - деп Макулбек жанынан орун көрсөттү. Алар эки күндөн кийин өкүл кызын чакырышмак, ошого камынып жүрүшкөн эле. Калбүбү үн дебеди, аны ага жеңеси да түшүндү. Эки күнгө чейин эч нерсе дей албай уялып, тагдырынын татаал жаралганына нааразы болуп, эмки жолу азбы-көппү калган өмүрү дагы деле табышмак болуп ойлуу. Марс ата-энеси Зайна болуп келгенде Шамбет да келди. Ал таежесин таанып учурашып койду. Бул күнү Макулбек абдан бактылуу болуп алдына кичинекей Азизбегин отургузуп алган. Азизбек бир жаш болоюн деп жөрмөлөп калган. Бакылдашып Акмат менен Макулбек узун сөзгө кирип эт бышкыча отурушту. Зайна Кызгалдакка жардам берип сыртта жүрдү. Аны: "үйгө кир, бүгүн коноксуң" десе да болбоду. Кайната, кайненесинин жанында отургандан уялып каралашып жүргөн ал: - Өкүл апа, үйдөгү аял эмнеңиздер болот? - деди капысынан. - Ал өкүл атаңдын карындашы. - Аа-аа, - деп койду ал, - Мен бир жерден көргөндөй болгом, бирок эстей албай жатам. - Көрсө көргөндүрсүң да, - Кызгалдак кайдыгер унчукту. Зайна бул кезде кош бойлуу болчу, аны аяды. - Кир, балдар отурган бөлмөгө кирчи, суук өтүп калбасын, - деп үйгө ээрчитип кирди. Алдыга тамак келип, суудай таза көңүлдөр бир бирине төп келишип, арак-винолор ичилип көңүлдүү отурушту. - Мен уулума абдан ыраазымын жана ишенем, адамды тандай билет, силердей жакшы адамдарды өкүл аталыкка тапканына кубанычтамын! - Акмат жетине албай бажактайт. - Марс уулум өзү да жакшы жигит, сиздей жакшы адамдын уулу экен да көрсө, - Макулбек ага карап күлүп койду. Сөздөр уланды, черлер жазылды. Марс менен Зайнанын атына не деген гана каалоолор айтылбады! Акыры тамак да желип бүтүп, эки жаштын келечегине бата тиленип, колго суу куюлуп, анан кийиттер кийгизилип, үй ээлери чексиз ыраазы болгон конокторун узатышып, ушул турмуштун жыргалына топук кылып, бири-биринин кучагында кубанычка бөлөнүштү.. .

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



body>