Айгүл ШАРШЕН


"Токол"


Заман өзгөрүлгөнү адамдардын пейили, кулк мүнөзү башкача болуп эл дегендин арасында купуя сыр калбай эле баары ачыкка чыгып шардана болуп, жакшысы да жаманы да гезит бетине жарыяланып жатпайбы. Не деген калк элек? Кыргыз калкы илгертеден ар намысын бек тутуп, жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, аш тойлорду оюн күлкү менен кыз оюн, ат чабыштардан моокумдары кана байге алып, балбанын атагы обого чыгара мактап, эли сыйлап турган эл эле...

Эми гезит бетинен эмнелерди гана окубайбыз, эл башындагы төбөлдөр эл менен иши жок эле так талашып саясаттын сасык оюндарын ойноп, үй-бүлөөсүн чет өлкөлөргө көчүрүп коюп калдайган кыргыз журтунун ырыскысына кол салып ичип жеп качып кетип жатышпайбы. Чиновниктер сойкуларды жок кылуу керек, эки аял алуу менен сойкулук жоюлат дегени менен сойкулар ошол бойдон калууда, ач көздүк, байлыкка манчыркагандыктан ошол эле чиновниктер жаш кыздардын тагдырын талкалап, аларды колундагы жансыз буюмдай колдонуп жатканы кимди гана болсо өкүндүрбөй койбойт. Неге адам, анан дагы улуу журттун жараны катары элибиздин улуу салтын ар намысын сактоонун ордуна өз жерибизде, өз мекенибизде туруп өз кыздарыбызды чулгоочо оронуп, ал шыбоо сыяктуу кайра ыргытылып калганы кандай өкүнүч. Мен бул чыгармамда ошол тагдыры гүлдөгөн кезинде уйпаланып калган бир гана кыздын тагдырын жазгым келет. Бул эгерде колдоруна тийип жок дегенде көз жүгүртүп калса намысын ойготоор, аз да болсо атуулдук сезими козголуп өз карындашындай, кыздарындай кээде небересиндей кыздарды тепселеп таштап кеткенин токтотоор, эл үчүн кызмат кылаар деген ойдомун. Эмесе сөз башынан болсун, бул бир төрөлгөндө эле тагдыр аны башынан сылап койбогон, ата-эненин жүзүн көрбөй калып таежесинин колунда кордук көрүп өскөн Жаркынай деген көз жөнүндө болмокчу...

Жамийла менен Турат, мектепте окуп жүрүп эле бири-бирин сүйүп сүйлөшүп жүрүшкөн. Тураттын атасы Сагынбек совхоздо белдүү кызматкер болуп иштечү, апасы Турдукан мугалим эле, Турат жалгыз баласы болчу. Алар жалгыз баласын окутуп-чокутуп адам кылууну ойлошчу, оо алардын тилеги абдан ыйык анан бийик болчу, уулуна эч нерсени теңечү эмес... Жамийланын атасы Жолдош ичип алып үй-бүлөөсү менен иши жок жүрө берчү, апасы Тоту мээнеткеч аял, контордо шыпыргыч болуп иштечү, үч баласын тооктун жөжөсүндөй кылып алтымыш сом айлыгы менен багып жаткан. Жамийла менен Тураттын ортодогу мамилеси онунчу классты бүтүп жатканда баарына белгилүү болуп калды, бул шыбыш Турдуканга угулуп калып адегенде Жамийланы чакырып алды:

- Кел кызым отур, - деди кызды жаман көргөнүн билгизбегенге аракет кылып, - Мен уккан ушак чынбы?

- Эже...

- Түз, чындыгын айт!

- Эже... мен...

- Турат экөөңдүн мамилеңер мындан ары өтпөшү керек, сенин дагы тагдырың бар өзүңчө, кыскасы Тураттын жанына жолобо! - деди Турдукан ага катуу эскертип, ал үндөбөй контордон чыгып кетти. Ал классына кирип ызасын зорго токтотуп партада отуруп сабак бүткөнчө эптеп чыдады.

Түш ченде сабактан тараары менен Жамийла шашылыш үйүн көздөй жөнөдү, онунчу а класста окуган Турат анын артынан жете келди.

- Жамийла, эмнеге менин кыйкырганымды укпайсың?

- Турат, мен ооруп турам, - деп Жамийла басыгын токтотподу.

- Эмнеге, ооруп калдыңбы?

- Ооба.

- Эмнеге мени менен сүйлөшкүң келбей калган, мени карачы, - деп Турат анын алдын тосту, - Ооруп турсаң мен деле кармабайм, бирок сен капалуусуң го, айтчы ачыгын, эмне болду?

- Турат, жолумду тозбо, мен сага эсеп бере албайм! - деп аны кыз көкүрөккө аста түртө жолуна түштү.

- Жамийла, экөөбүздүн кечээги эле сүйлөшкөн сөздөрүбүз кана?

- Ал эми жок!

- Эмнеге?

- Ошого!

- Турат! - деди аларды сыртынан акмалап келе жаткан Турдукан, - Ал кызды жайына кой!

- Ма...

- Уят эмеспи, орто жолдо кызды уялтканың, элге кеп кыласың, - дегенде Турат саал ойлоно калды: "Чын эле уялып калса керек, ансыз деле бизди бүт мектеп "Олжобой менен Кишимжан", - деп жүрүшпөйбү, башка балдар кат менен сүйлөшсө мен күндө жанындамын, кой уят кылбайын", - деп ойлонуп апасын көздөй басып барды, - Экинчи ал кыздын жанынан көрбөйүн, - деди Турдукан кетип бара жатып:

- Эмнеге мама? - Ал кезде кээ бир чоңдордун, жетекчилердин балдары "мама, папа" дешчү.

- Ал кыз сага тең эмес экенин билип жүр!

- Мама...

- Болду, калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз, - деди Турдукан, ал чынында абдан катаал аял эле, жалгыз баласын канчалык жакшы көрсө ошончолук катуу кармачу. Көбү аны жеткен мерез аял дешчү, апасынын түрүн көргөн Турат унчукпай алдыга басып кетти, үйүнө келгенче ар кайсыны ойлонуп көңүлсүз кийимин алмаштырды: "Эмнеге Жамийла мага тең эмес, жакшынакай сулуу кыз, мен аны, ал мени сүйөт, эмнеси бар экен", - деп ойлонуп өз бөлмөсүндө жатып алды.


Ошол бойдон уктап калган экен, Турдукан аны ойготпой тамак жасап андан кийин күйөөсү келген учурда гана кобур-собурдан ойгонуп кетти, туруп бөлмөсүнөн чыгып келе жатып токтоп калды.

- Балаңа акыл-насаат айтпайсыңбы, кайдагы бир ичкичтин кызы менен мектепте роман болуп кетти, - деген апасынын сөзүн угуп тыңшап калды.

- Ким экен ал? - деди Сагынбектин коңур үнү.

- Жолдош деген, аны ким тааныптыр.

- Бала да азыр, тоок сүйүүсүдүр, - Сагынбек кайдыгер үн катты.

- Баары ошол баладан башталаарын билбейсиң, сүйөм-күйөм деп ошол кызды алам деп туруп алса кантесиң?

- Андай болбойт, уулумду быйыл экономфакка киргизем, сүйлөшүп койдум, - деди Сагынбек камырабай.

- Сагынбек, сен кенебейсиң, кайдагы бир ичкичтин кызын биз кантип келин кылабыз айтчы? - Турдукан жиндене кый кырды.

- Кыскасы кандай кыз экен өзү?

- Эмне аны көргүң келип жатабы?

- Бала деген бала да байбиче, аны дагы бирөө балам деп сен экөөбүз сыяктуу эле бапестеп багат, сүйөт эркелетет, кой байбиче, мынчалык зулум болуунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

- Мен эч качан аны келин катары кабыл албаймын, эгерде Турат менин тилимди албаса анда мен экөөңдү тең кечип коем! - деп Турдукан ашканага кирип кетти.

- Байбиче, азыр жаштарга эрегишүүгө болбойт, - деп Сагынбек отуруп калды. Буларды угуп турган Турат акырын келип атасынын жанына отурду:

- Ийи уулум, сабагың кандай?

- Жакшы, - деп жер карады Турат, эмелеги ата-энесинин сөздөрү анын кулагынан кетпей туруп алды: "Демек булар менин Жамийланы сүйгөнүмдү каалашпайт, анын атасынын ичкенине кандай тиешеси бар, ата-эненин күнөөсүн баласы тартышы мүмкүн эмес", - деген ойду ойлоп отурганда:

- Турат, окууну бүтөөрүң менен Фрунзеге экономфакка тапшырасың, - деди Сагынбек уулун карап.

- Мен окубайм, аял алам.

- Эмне? - Сагынбек баласын каштарын жыйрып тикирээ, бүркүтчөсүнөн обдула карап калды, - Ой бала, эмне деп жатасың?

- Окубайм! - деп бурк этти Турат.

- Неге, апаң экөөбүздүн үмүт тилгебиз сенде экенин билесиң го?

- Мен окугум келбегенин айттым го, анын үстүнө окууну жакшы билбесем эле тапшыра бермек белем?

- Аны кой, киши бар, сүйлөшүп койдум.

- Кереги жок.

- Көрдүңбү? - деп Турдукан ашканасынан чыга келди, - Мунун башын алиги чарайнадан чыга элек ичкичтин кызы айлантып койгон.

- Мама, мен ал кызды өзүм сүйөм!

- Сүйүү-күйүү, мындайдын баары жомок, атаң экөөбүздү ата-энелерибиз эле үйлөндүрүп койгон, мына жакшынакай эле жашап жатабыз го?

- Сүйүп көрбөсөңөр айта бересиңер да, кардым ачты бирдеме ичиресиңерби деги? - Турат ордунан тура калды.

- Отур! - деди Сагынбек уулун жекире карап, - Сүйүү дейт тура, сен эмнени билипсиң, сүйүү деген жакшы иштеп мансаптуу болуу, кызматың болсо баары болот, апаңдын иши бар, менин кызматым бар, жашоо кудайга шүгүр, андан башка сүйүүнү көрө элекмин.

- Жүрөгүңөр жок, силер мени түшүнбөсөңөр бир күнү менден кутуласыңар! - деп Турат эчтеке ичпей туруп кетти, ата-эне унчукпай тиктешип отуруп калышты, бирок дал ошондогу Тураттын сөзүн электен өткөрүүгө алардын кудурети жетмек кайда, ички сезим, аздек туюмду алар сезбейт да болчу, себеби аларга бакыт деген кызмат менен гана жакшы жашоо чектелген эле. Ошол бойдон алар уулунун кандай абалда экенин байкашпады, Жамийла Туратка жолугуп сүйлөшкүсү келбей кача берди. Убакыт аккан суудай аркырап өтүп онунчу класстардын мектепти бүтчү убактысы дагы келди. Жамийла окууга бара турган чамасы жок болчу, аргасыз бир жыл совхоздо иштеп бир жылдык жолдомо менен барганга аракет кылып апасынын ордуна конторду жууп иштеп калды. Турат окууга ата-энеси канчалык сүрөп жакшы да жаман да айтып үндөсө дагы барбай койду. Бир күнү ал Жамийлага жолугуп:

- Жамийла, үйлөнүп алалы, мен сенсиз жашай албайм, - деди.

- Сен бул сөздү өзүң айтып жатасың, ата-энеңдин кааларын же каалабасын билбейсиңби, - деди кыз.

- Мен жалгыз баламын, мени алар угушат.

- Анда ошолордон уруксат алып кел, мен макулмун, эгерде алар каршы болушса мага калп айтып келбе, ансыз дагы менин өз жашоомдогу маселелер өзүмө жетиштүү, - деп кыз басып кетти, Турат үйүнө келип:

- Ата, мен үйлөнөм, - деди капалуу.

- Макул, окубай деги койдуң, кайсы кыз экен ал?

- Жамийла.

- Кимдин кызы? - деп Сагынбек сурап отурганда Турдукан: "Ошол ичкич менен бет маңдайлашып кантип чай ичебиз?" - деп туурадан чыкты:

- Эмне, алар адам эмес бекен?

- Адам деген адамдай жүрөт, Жамийланын атасы ичкич, ал адамдын же малдын айрымасын билбейт, адам деген аты бар гана макулук, - деди Турдукан жиндене.

- Мама, сиз энесиз, анан мугалимсиз, сизди билимдүү деп ким айтат, адамды кордоп жатпайсызбы, - деди Турат.

- Ооба, мен биринчиден энемин, сенин энеңмин, сени бактылуу болсун дейм, мугалиммин балдарга тарбия берем.

- Сиз тарбия бергенде адамды жаман жакшы деп бөлгөнгө үйрөтөсүзбү? - деди Турат апасын тикирээ карап.

- Жок, мен балдарды тартиптүү болсун, ата-энесин сыйласын, билимге умтулсун дейм, бирок өз баламды тарбиялай алган жокмун.

- Мен кылымда бир кайталанчу сүйүүгө кабылдым мама, мени силер түшүнбөсөңөр ким түшүнөт, анда мен өз сүйүүм үчүн календер болуп жеп кезүүм керекпи? - деди Турат жаны кашая, - Эгерде макул болсоңор мен Жамийлага үйлөнүп анан окууга тапшырам, болбосо менден үмүт үзгүлө? - деди да үйдөн чыгып кетти. Сагынбек менен Турдукан тиктешкен бойдон кала беришти. Турат ошол күнү Жамийлага жолукту, ал экөө сүйлөшүп көпкө чейин отурушту:

- Эмне болду, ата-энеңе сүйлөштүңбү? - деди Жамийла.

- Сүйлөштүм, кайда бармак эле акыры макул болушат да.

- Сен ошондой деп ойлойсуңбу?

- Анан кандай ойломок элем, алардын жападан жалгыз баласымын Жамиш айтканымды аткарбаска аргалары да жок, - деп Турат кызды белинен имере кармап өзүнө тартты, - Кел өбүшөбүз.

- Уят го?

- Эмнеси уят, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, же сен мени сүйбөйсүңбү?

- Сүйөм, сени сүйбөсөм жаныңда отурат белем? - Кыз наздуу жылмайды, - Корком Турат.

- Коркпо, атамдар билимдүү адамдар, баары бир бизди түшүнүшөт, - деп кызды ой боюна койбой кучактап өөп койнуна колун салды, өмүрү эркектин колу тийе элек тырсыйган эки алмасына колу тийгенде кыз ичиркенип алды:

- Турат болдучу...

- Койчу жаным, өзүңдү менден ала качпасаң.

- Качкан жокмун, - Кыз онтолоп ийди, анткени ага жигитинин назик кармалаганы жага түшкөн эле, балакатка жетип жигит кыздарды самап калган учурда кыздарда дагы бир туюк сезим пайда болуп эңсөө жаралат эмеспи, андан ары экөө тең эмне кылганын сезбей калышты, бул ыйык сезимге төбөдөгү гана жылдыздар күбө болуп, каалгыган ай кара булут астына жүзүн жашырды, анткени эчендеген адам тагдырын сиңирип дүйнө жүзүн түнкүсүн кыдырып чыккан ай дагы бул сүйүүнүн күбөсү болуп турганына өкүндүбү же кайгырдыбы ким билет? Бул дүйнөдө жылдыздар толгон айдын жарыгында миллиондогон пенделер ашыгы менен аймалашып канчалаган бей күнөө наристелердин жаралышына күбө болуп келе жатпайбы. Бирок пенделер эч качан анысын күнөө деп эсептешпейт, ортодо бир наристе жабыр тартат...

- Жамиш.

- Оов.

- Эми сен меникисиң, буйруса күркүрөгөн күздө тоюбуз болот.

- Чынбы?

- Сөз берем.

- Ишенем.

- Магабы?

- Сүйүүгө, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз да.

- Алтыным десе, мындан ары биз бир гана денебиз.

- Түшүндүм, - деди кыз үлдүрөй жигитин мойнуна колун орой, ага азыр эмелеги лаззат керек эле, канчалык ооруксунуп турса дагы жүрөгүнөн, чын дилинен сүйгөн адамы менен кошулуу бакыт экен деп түшүндү, бир топко чейин белден келген тулаң үстүндө оонап бири-бирине рахат тартуулап жатып араң бөлүнүштү. Жамийла мынча кеч калчы эмес, Тоту тынчсызданып конторго барып аердегилерден сурагандан тартынып кайра келип үйүндө күтүп жатты.

- Кайда жүрдүң? - деди ал кирээри менен эле.

- Кыздар жолугуп калды апа, - Жамийланын жүзү албыра жооп берди.

- Кайсы кыз, ушул убакка чейин эмне кылып жүрдүңөр?

- Назинин үйүнө бардым, анан кеч болуп калды деп...

- Экинчи кечикпей жүр, эгерде кыздарың менен кетсең айтып коюп кет, - деп Тоту жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Жамийла азыр абдан бактылуу эле, биринчи жолу эркек менен болгонго жаштыгы денесине сыйбай толуп ташып турган кыз эртеңи эмне болоорун аңдаган жок, тек өзү каалаган адамга этек ачтырып анын жыргалына батуу бакыт экенин сезди: "Турат экөөбүз үйлөнүп калсак бактылуу жашасак апам эмне демек эле, Турат деле ата-энем көнөт дебедиби, сүйүү бизди алдабайт, бактылуу болобуз", - деп өз ордуна жатып ойлонуп жатып кеч уктады, эртеси бүткөн бою ооруксунуп тура албай жатканда апасынын кирип келе жатканын билип башын көтөрдү:

- Ойгондум апа.

- Тур кызым, конторду жууп шыпыруу керек.

- Мына азыр, - деп эптеп туруп жумушуна жөнөдү. Турат ата-энесине таарынып баягы бойдон сүйлөбөй кечке үйгө келбей кечинде кеч келип жатып алат. Турдукан ага ого бетер жини келип сүйлөгүсү келбей көрсө да унчукпайт, анысына ого бетер өчөшкөн Турат алар жокто тамак ичип алып кетип калат.

- Мен уулумду кантип тарбиялаганымды билбейм, - деп Турдукан курбусу менен сырдашып отурду.

- Эми жалгыз балаң болсо эмне кылмак элең? - деди Салкын жай гана.

- Жалгыз балама ошол ичкичтин кызын алып беремби анан?

- Өзүң билесиң курбум, балдарды тарбиялаган, билип берген аялсың, ар бир баланын ар башка кыял-жоругунун болоорун түшүнгөн кезиң, мен андай да мындай да айта албайм.

- Эч качан андай пас жерден келин албаймын.

- Ал өз каалооң.

- Сүйөм-күйөм дегени өтүп кетти, ушул дүнүйөнү, тапкан ташыганымды, бир канча мал бар, баарын бир жуксуздун кызына ушунча дүнүйөнү бергим келбей турганын билесиң да.

- Сен экөөбүз эчтекени чече албайбыз, бир алланын колундагы пендебиз, баарын алла чечет курбум.

- Мен кудай жок деп балдарга сабак берем, кызык экенсиң, баары адамдын колунда, жасайм дегенин жасаса болот, - Турдукан өз билгенин кое бербей жүрөгүндөгү нерсеге баш ийбей турду.

- Кой Турдукан, сени да, башканы да, жаныбарлар менен курт-кумурскаларды да жасаган жалгыз кудай экенин билип жүргөнүң жакшы, бул дүйнөдө улук кудай гана, жалгыз алла, менин атам жалаң намаз окуп жүрүп өттү дүйнөдөн, себеби мына бул замандын келиши ага өтө эле оор болду окшойт.

- Эмнеге?

- Себеби кудай дегендер жоголуп кетти.

- Кызык экенсиң, кудай барбы өзү? - Турдукан ага жаман көзү менен карады, - Кудайдын бар экенин мен дегеле көргөн жокмун.

- Турдукан, ошондо дагы кудай деп сүйлө, баарыбызды жараткан жыргаткан дагы кудай, ушул ааламды жалгыз гана кудай өзү тейлейт, жан-жаныбарларды дагы жашатып керек болсо алган ошо кудай, кээ адамдар кудай берген ырыскысын көтөрө албай ар кандай кадамдарга барат, бирок ушул жашоонун баркын билген ким бар экен? - деди салкын, анткени анын ата-энеси ошол кудай жок деген атеисттик заманда дагы балдарына ыйманды, экинчи дүйнө бар экенин үйрөтүп бир күнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө көчкөндө бул дүйнөдө кылган кылмышыңдын азабын чын дүйнөдө тартаарын айтып кетишкен адамдар эле. Салкын ичинен Турдукандын сөздөрүнө капа болгону менен баары бир курбусунун сөзүн кыя алмак эмес.

- Кызыксың Салкын, сен эскиче жашап жаткансың го?

- Жо-ок, кудайдын жолу менен жашаганым анык.

- Сен экөөбүз бир пикирге келе албайт экенбиз, - деп сөзүн бүтүрдү Турдукан, Салкын дагы унчукпай үйүнө кетти, Турдукан курбусуна жини келди, өзүн түшүнбөгөнгө ызаланды, акыры эмне менен бүтөөрү белгисиз дүйнөнүн табышмагын ким билиптир. Көпкө ойлонуп бир пикирге келе албай турганда Сагынбек келип калды:

- Турат үйдөбү? - деди ал келип эле.

- Жок, аны бүгүн көрбөдүм.

- Кайда жүрөт болду экен?

- Ким билсин, жанагы аракечтин кызы менен жүргөндүр?

- Көп эле ошенте бербесеңчи.

- Анда эмне кылайын, ошол кыздын алдына жыгылып кечирим сурайынбы? - деп айкырды Турдукан, аялынын бул кейпин көрбөгөн Сагынбек таңгала карады.

- Сен мындай эмес элең Туку.

- Ушундай болуп калдым.

- Мен дагы сени бир кезде кандай экениңе карабай үйлөнгөн элем, ата-энем каршы болгон жок, сенин мындай болооруңду кайдан билдим Туку, жалгызыбызды жабыркатып албайбызбы деги? - Сагынбек аялына ойлуу карады.

- Сен менин тегимди эми эсиңе келтирдиңби, ата-энем андай эле жаман эмес болчу, бирок ичкиликти оозуна алган эмес.

- Ооба, болгону жоро бозо кайнатамсыз өтчү эмес, керек болсо биз үйлөнгөндө дагы шеринени башкарып ичкиликтин тазасын ичип жүргөн эле...

- Ооба, алар өз мезгилинде болгон.

- Азыркынын дагы өз мезгили бар Туку.

- Ошондо дагы абайлашы керек, ал биздин жалгыз балабыз.

- Турат деле ойлонот да.

- Ойлонсо ал кызды эбак таштамак.

- Акыры баары ордуна келет.

- Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезип турат, балабыз тилибизди алат деп ойлобойм, - деп Турдукан аялдын адаты катары ыйлап басылды, - Тураттын тагдыры мени ойго салчу болду.

- Болбосо айтканын кылгандан башка чарабыз жок.

- Жок, андай болбойт, мен өлсөм дагы ага жол бербейм.

- Анда күтөбүз, акырындык менен унутуусун талап кылуу керек, - алар ошентип сүйлөшүп отурганда Турат кирди.

- Кайда жүрөсүң балам? - деди Турдукан ага ачуулу карап.

- Менин кайда жүргөнүм силерди кызыктырабы? - Турат ызалуу ата-энесин карады.

- Уулум, ошентпи апасына айтат бекен?

- Ошого өзүңөр жекирдиңер.

- Эмне кылайын деген оюң бар деги?

- Мен бир гана нерсени суранам, Жамийлага үйлөнүшүмө каршы болбогула, - деди Турат экөөнү алмак-салмак карап.

- Болбойт, андан көрө аны унут! - деди Турдукан мисирээ.

- Кое турчу, - деп Сагынбек аялын тыйды, - Баланын сөзүн угалыбы?

- Ата, мени сөзүнөн кайтат деп ойлобогула, мен сүйүүнү баалайм, кадырлайм ата, өз каалаганыма үйлөнөм же менден кутуласыңар.

- Токтой турчу, - деди Сагынбек ага көңүл бура карап, - Ал кызды ошончолук эле сүйөсүңбү?

- Ооба, ансыз мен бул дүйнөдө жашай албайм.

- Мм, - Сагынбек оор улутуна отуруп калды, араны саамга тынчтык өкүм сүрдү, ата-бала, эне өз-өздөрүнчө ойго батып тынчтыкты бузгусу келбе, сөз башталса дагы эмне деген сөздөр чыгат дегендей мелтирешет, - Демек сөзүмдөн кайтпайм дечи, - деп Сагынбек Туратты карады көптөн кийин.

- Ооба, мен айтканымдан кайтпайм, - деди Турат, анын оюнда ата-энеси акыры макул болот деген үмүт чоң эле, бирок ал жаңылышты, анын бул сүйүүсү акыры келип өлүмгө алып келээрин сезбеди, болгону ал ата-энесинен мээрим күттү, ал ойлогондой Турдукан көгөрө каршы болуп туруп алды. Аңгыча оңду-солду камчыланган мезгил өз кезеги менен өтүп убакыт күзгө таяды, Жамийланын боюна болуп калганда Турат экөө айласын таппай сүйлөшүп отурушту.

- Турат, мен эмне кылам эми, элге журтка уят болгонго өлгөнүм жакшы го, ата-энем менен эл биле электе мени алып кет.

- Атамдарга айтамын, көрөсүң го алар аябай кубанышат, күз келди эми экөөбүз бирге болобуз.

- Ошондой болсун, жүзүм карайбаса болду.

- Коркпо алтыным, сени жер каратпайм, - деп Жамийланы өз үйүнө узатып анан үйүнө келди, Турдукан кир жууп жаткан, Сагынбек жок болчу, өз бөлмөсүнө кирип атасы келгенче күтмөк болгон Туратты Турдукан токтотту:

- Ай бала кайда жүрөсүң ыя?

- Менин кайда жүргөнүм кимди кызыктырат?

- Мени менен акыйнек айтышпай жөн сүйлө.

- Атам келгиче жата турайын, - деп Турат кирип кетти, анын бул кылганы өзүн тоготпогондой сезген Турдукан артынан кирди:

- Бу сен качан адам болосуң ыя?

- Айбан болсом кечип таштагыла да.

- Оң сүйлөбөй калдың го, деги башыңды такыр айлантып койгон окшойт? - деп кыжыры келе жатып алган баласынын үстүндөгү одеалды сыйрып ыргытты, - Тур деп жатам, же мени угасың, же ошол аракечтин кызын угасың!

- Мама...

- Болду сүйлөбө, мен сенин энеңмин, мен айткандай болушу керек!

- Андан көрө бул үйдө сага орун жок дегениңиз оң болмок.

- Ооба, Жамийла дей берсең сага орун жок!

- Болуптур, - деп жиндене чыгып бара жатып атасы менен беттеше түштү, - Ата...

- Эмне болду уулум?

- Эчтеке, - Үйдөн чыгып эшиктин алдында басып жүрдү, ичтен ата-энесинин үндөрү угулуп турду:

- Туку, баланы тим койсоңчу.

- Болбойт, мен баламдын тагдырын кайдагы бирөөгө тапшыра албайм, андай эле үйлөнө турган болсо мен өзүм кыз таап алып берем, - Турдукан өз билгенин кое бербей жатты.

- Баланы кыйнап алган жокпузбу?

- Кыйналбайт, балалык кылып жатат, али бала эмеспи.

- Деги жакшылык менен бүтсө болду, - Сагынбек отуруп алып ойлонуп калды, Турат алардын сөзүн угуп ызалана дарбазадан чыгып кетти: "Мени бала дешет тура, көрсөтөм силерге, мен эми Жамийланы үйгө алып келем", - деп жолугушчу жерине барса кыз келе элек экен, саамга күтүп турган соң келип калды.

- Көпкө күттүрүп койдумбу? - Кыз ажарлуу жылмайды.

- Эчтеке эмес, сени өмүр бою күтүүгө даярмын.

- Чынбы, ошончолук сүйөсүңбү? - Экөө кучакташып өбүшүп турду, айлананы караңгылык каптай баштаган, Турат дароо кызды кучактаган колдорун бошотуп жүзүнө тике карады.

- Менин кандай сүйгөнүмдү сен кайдан билесиң, жүрү азыр үйгө барабыз, - деп колдон алды:

- Турат, эмне деп жатасың?

- Мен айткан соң аный дебе, - Болбой колунан тартты.

- Турат, алар мени кабыл алышпасачы?

- Алат, эгерде кабыл алышпаса биз башка жакка кетебиз.

- Кайда барабыз?

- Сен мени сүйөсүңбү? - Турат ага кайра тигиле карап калды.

- Ооба, жанымдай сүйөм.

- Анда мендик болушуңду каалайм.

- Кеттик, кандай толкун сел болсо дагы кайылмын, - Жамийла Турат менен жетелешип жөнөдү.

- Мен сенсиз жашай албайм Жамийла, алар мени бала дешет, балалык кылып жатат, бул сүйүү эмес деп мени тоготушпайт, ошондуктан аларга сүйүү кандай күчтүү болоорун далилдейм, - деп кетип жатып сүйлөп бара жатты.

- Бекер кылып жаткан жокпузбу?

- Эч качан, акыры түшүнүшөт.

- Корком Турат, таптакыр терс айланышсачы?

- Андай болбойт, көрөсүң го, алардын менден башка алардын эч кимиси жок, баш ийбеске аргалары да калбайт, - Турат ишенимдүү сүйлөдү.

- Ата-энеңди оңтойсуз абалга калтырып коебуз го?

- Жок жаным, алар түшүнүшсүн, экөөбүздүн бири-бирибизсиз жашай албасыбызды, - Аңгыча алар көчө аралап үйүнө жакындап калышты.

- Акырын басчы Турат, күйүгүп кеттим.

- Мына жетип калдык, - Турат ачык турган дарбазадан кирип барып үйдөгү бака-шаканы угуп токтой калды, ал жалаң гана Жамийланы ойлой берип атасынын туулган күнүн унутуп коюптур, жылда ушул күнү Сагынбек жакшы санаалаш эки-үч гана достору менен чогуу белгилемей адаты бар, Турат ичинен кым деп алды: "Эң сонун болду, дал ушулардын көзүнчө алып кирем, унчуга албай калышат", - деп ойлонду да Жамийланын колунан бекем кармап алып бака-шака түшкөн бөлмөнүн эшигин ачты, баары босогону карап үн катпай тунжурап калышканда:

- Ата, туулган күнүңүз менен, ушул күнү сизге атайын келин алып келдим! - дегенде Сагынбек аялын карады, Турдукандын өңү бузула ордунан тура калды:

- Турат, бул эмне кылганың?!

- Келин алып келдим апа.

- Чыккыла эшикке! - дегенде Жамийла артка карай тартынды эле Турат кое бербей туруп алды:

- Турдукан, Сагынбек уулуңар азамат тура, андан көрө башына жоолук салгыла, - деди Шайлоонун аялы Ырыс тура калып, - Келин дагы жакшылык болот, жалгыз балаң үйлөнүп жатса мунуң туура эмес.

- Туура-туура Саке, жакшылыкты артка кайтарган болбойт, башыңарга баш кошулду, - деди Шайлоо, баары жаалап ийгенде Турдукан ичкери кирип жоолук алып чыкты, болгондо дагы жуулган эски алып чыкты, анткени отургандардан уялды:

- Даярдыгым жок эле, келе гой эми бул да болсо сала турайын, таң атса дүкөндөн ала коебуз, - деп Жамийлага салып жатып эч ким байкабагыдай кылып ууртунан чымчый, - Сени мен уулумдан алыс жүр дебедим беле?! - деди да артына кайрылды, - Эми жүгүнүп кой кызым, сен эми бизге келин болдуң, - деп күлгөн болду, анын жүзүнөн кубанбаганын сезип эле турушту, бирок кызып калган немелер сүрөп жиберишти:

- Бай бол, бар бол айланайын бактылуу болгула! - Андан кийин Турдукан төркү үйүнө төшөк салып аларды киргизди, достору сыртка чыгып кеңешип туруп аялдарын үйүнө жүгүртүп көйнөк жоолук алдырып арак-шарап толтуруп түнү бою эки жашка бакыт таалай каалап жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан Сагынбек таң атпай короосундагы эчкисин алып келип уул келинине чаап эл чакырып ырым-жырымын жасап жатып калышты, Тураттын классташтары, Жамийланын курбу кыздары келишип оюн-күлкү менен бул эки жаш бактылуу болуп отурушту, андан соң Жолдоштун үйүнө киши жиберишти. Баары ойдогудай эле болуп жатканы менен Турдукан Жамийланы караган сайын көзү менен атып бечара кыздын оозундагысы тамагына тыгылып: "Бул мага жакшылык кылбайт го, бекер эле келипмин, Тураттын көңүлүн кантип кыям, анын үстүнө бузулуп да калдым, башка бирөө ала качып кетсе шерменде болмокмун", - деп ойлонуп көңүлү сууп отурду. Мунусун достору менен улам кирип чыгып жүргөн Турат байкабады, ал чексиз бактылуу болчу, бирок ал бул бактысы көпкө узабасын сезген жок, болгону жүрөгү сүйгөн кыз жанында болуп, жаш жүрөгү толкунданып башка эч нерсени ойлогусу келбейт эле. Ошентип кечинде Жамийланын төркүндөрү кууп келишти, туугандары чогулуп тозуп алышты, Турдукан кудаларын анча жактыра бербей кийитти начар коюп жеңетайына бир кой менен беш жүз сом, кешикти эптеп салып берип узатып жиберди. Күн сайын келин көрүп келип кетип жаткан эл суюла баштаганда Сагынбек аялына карап мындай деди:

- Байбиче, келинди болсо алдык, азыр мал семиз убакта той берели.

- Той-пой бербейбиз, - деди Турдукан ачуулу.

- Дагы баштадыңбы, маңдайы жарык өңдүү-түстүү эле келин болду, анын күнөөсү кайсы байбиче?

- Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!

- Кой байбиче, мындай сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уулуңдун кандай бактылуу болуп жүргөнүн байкадыңбы, жалгызыбыздын шаабайын суутпай тоюн өткөрөлү, - деп Сагынбек акырын аялын көндүрмөк болду. Бирок Турдукандын угаар түрү жок, алар ошентип сүйлөшүп жатканда төркү бөлмөдөн чыгып келе жаткан Жамийла баарын укту, бирок бир дагы сөзүн Туратка айтпады.

- Жамиш, бактылуусуңбу жаным? - деди Турат он беш күндөй өтүп калганда.

- Ооба, абдан бактылуумун, - Ойлуу сүйлөдү.

- Сен чын дилиң менен айткан жоксуң, капасыңбы мага? - Үйрүлө өзүнө тартты.

- Жо-ок Турат, мен аябай капалуудай көрүнүп жатамбы?

- Ооба, жүзүңдө капа турат.

- Кабатыр болбо, балким үйдөгүлөрүмдү сагынып жаткандырмын.

- Андай болсо барып кел.

- Ошол болчу беле?

- Эмне болмок эле?

- Күйөөгө тийген кыз жөн эле барса уят.

- Анда кантиш керек?

- Төркүлөткөндө барат да, - Жамийла анын эчтекени билбегенине күлкүсү келди, - Сен такыр билбейсиңби?

- Жо-ок, түшүнбөйт экенмин.

- Мейли, акыры баарын билгенге дагы жетишесиң.

- Алтыным, мен сенин жүзүңдөн күлкү гана көргүм келет алтыным.

- Кой эми жаталы, мен өзүмдү бактылуу гана сезип жатамын, кабатыр болбо, - деп Жамийла күйөөсүн жубатып коюп жатып калды, бактылуу жаш жубайлар бири-бирине жеткенине жетине албай бактынын кучагында мемиреп уктап кетишти. Таң эртең менен Турат сыртка чыгып кеткенде аңдып тургансып Турдукан кирип келди:

- Сен биерге уктаганы келдиң беле? - деп үстүңдөгү төшөктү сыйрып алды, - Жыландай болуп баламды арбап кирип келдиң, эми менин ыдыгыма чыдай алсаң жашайсың, чыдабасаң кетесиң! - деди да кайра шарт эле чыгып кетти, - Ич кийимчен бүрүшүп отуруп калган Жамийланын өңү боппоз болуп нестейип туруп калды, көзүнөн жаш чыкпады, башына ой келбеди, же төшөктү кайра жамынып алуу эсине келбеди, Турат сыртка чыгып ажатканадан келе жатса классташы келиптир, ал таң атпай өзүн чакырып келген, анткени ал дагы үйлөнмөк болуп жаткан эле, аны менен сүйлөшүп ичке кирсе Жамийланын тырышкан бойдон отурганын көрүп чоочуп кетти.

- Жамиш, сага эмне болду, Жамиш дейм?! - деп жаагына жумшак ургулаганда гана зорго эсине келди, - Ө-өч, коркутуп жибердиңби, эмне болду жаным?

- Эчтеке, ооруп турат окшойм, - деп али денесинин калтырагы кетпей жооп берди.

- Бирдемеден чоочудуңбу?

- Жок, - Жамийла кийинип туруп сыртка чыгып бара жатып кайненесин көрүнүп калабы деп коркуп ажатканага кирип эки жагын каранып зорго кайра чыгып ашканага кирди, негедир жүрөгүнүн түккүлдөгөнү токтобой туруп алды, муздак суу ичип чай коеюн десе ал коюлуптур, эмне кылып жагынаарын билбей турганда Турат кирди, экөө турганда Турдукан кирди:

- Катын жандуу болдуң да балам, жаман эркек катын кул болот дегендей эркектей болсоң боло? - деди каарый.

- Апа, жаңы эле турдум, кардым ачканынан эле...

- Аны аялыңа айт, хан менен бектин аялындай түшкө чейин жата бербей эрте турсун, минтип жүрсө сени курутат го? - деди силкине.

- Апа, жаңы эле таң атты го?

- Катыныңа болушпай ишиңди кыл, мен буга билбегенин билдирип үйрөтөйүн, - Турдукан келинин акшыя караганда жүрөгү болк этти Жамийланын, муундары кайрадан калтырай баштады.

- Жамийла, сага эмне болду? - Турат аны кармай калды.

- Кое бер, өлмөк беле, эмнеге мынча үйрүлөсүң? - Апасынын заардуу карашы Тураттын ачуусун келтирди:

- Мени деги өзүң төрөдүң беле же багып алдың беле, эмнеге мынчалык өгөй энедей кыласың апа?

- Сага жакшылык каалаганымдан ушинтип жатам, - деди да Турдукан чыгып кетти.

- Жамиш, жүрү үйгө кирип эс алчы.

- Жок Турат, мен иш кылайын, - Жамийла эс ала суу жутуп анан жүрөк тушун басты, - Жүрөгүм бир кызыктай болуп жатат.

- Эс ал дедим го? - Турат келинчегин үйдү көздөй жетеледи.

- Апам урушат.

- Урушпайт, мен сага чайды киргизип берем, - деп бөлмөсүнө киргизип жаткырып кайра чыкты, Сагынбек эбак жумушуна кетип калган, күзгү мал-жан каттоо жүрүп жатканда тыным алышчу эмес, Турат чай менен нан көтөрүп өз бөлмөсүнө кирип кеткенде Турдукан ого бетер жини келип артынан барып каалганын сыртынан тыңшап калды.

- Турат, сен эч жакка кетпейсиңби?

- Сейит үйлөнгөнү жатыптыр, эрте келип чакырып кетти.

- Сен кетсең корком Турат.

- Коркпо, барып кайра эле келем.

- Мен үйүмө кете берейинчи...

- Эмнеге?

- Сен мен үчүн кыйналдың го?

- Антип ойлобо, мен сени менен баш кошконума бактылуу болуп жүрөм билсең, апам акыры баш ийет, ага таарынбай эле кой, - деп Турат көпкө жанында отурду, Жамийла уктап кетти, ал көзү илинсе эле чоочуп ыргып кетип жатты, Турат ал тынч уктап калганда акырын сыртка чыгып баратып: "Эмне кылсам экен, Жамийланы апам батырбайт го, эптеп эле бөлүнүп кетсем окшойт, атамдар али жаш, өздөрү жашай беришет", - деп ойлонуп атасына кеңешмек болуп Сейиттин үйүн көздөй жөнөдү. Анын кеткенин көргөн Турдукан: "Сени бул үйдөн качып кеткидей кылайын", - деп адам эмес эле жырткыч сымал түргө келип дагы келин-уулунун бөлмөсүнө кирип барды:

- Тур, кандай тоготпогон немесиң, бул кейпиң менен жакшылык деле кылбайсың го? - деп мемиреп уктап кеткен келиндин төшөгүн катуу булкуп тартып алды, - Эмнени кыйратып койдуң ыя?

- Апа!

- Апа дебей кал, мен сага апа эмесмин!

- Кечириңизчи апа, азыр турам.

- Тур, иш кыл кирлерди чогултуп койдум, эртерээк жууп жай! - деп чыгып бара жатып кайра кайрылды, - Эсиңде болсун, бул үйдө калам деп ойлобо!

- Макул, азыр эле кете берейин...

- Эмне, сен мени ушинтип коркуткуң келеби? - Акшыя караганда андан корккон келин жер карап колдорун ушалап калды, - Турганын кара шүмүрөйүп, дегеле адам жийиркенерлик, ушу сага арбалган баламдын баш-шы жок да, тур эшикке чык! - деди да чыгып кетип бара жатканда курбусу Салкын кирип келе жаткан.

- Эмнеге ачууланып жатасың?

- Тексиз жерден келин алсаң көрөт элем.

- Эмне болду, келиниңе ачууланып алгансыңбы?

- Келин эмес эле кетпес кезик болду го, жанагы баланын гана көңүлү да, - Турдукан кабк кашын тырыштыра карады, - Кир үйгө.

- Кирдим ай, өзүң ачууланып жатсаң кете берейин.

- Отур эми, чай-пай ич.

- Макул, өзүм дагы зериккенимден сага келдим эле, - Салкын веранданын секисине чыгып отура кетти, ошол убакта жүйүртө басып бүрүшкөн Жамийла чыкты:

- Келиңиз.

- Келдим айланайын, келин келген жерине көнгөнчө көп бар, кайненелердин кеп-сөзүн бир кулагыңдан чыгарып кой садага, силерге ата-эне жамандык кааламак беле.

- Ий-и, - деп ашканага чыгып бара жатканда:

- Сөлдүрөбөй чай алып кел! - деди Турдукан, - Дегеле ушуга ичим чыкпай койду, - САлкынга карады, - Пешенебизди карабайсыңбы жалгыз балама өзүм каалаган кызды алып берем деп жүрүп тилегиме жетпедим, жанагы апасы менен кантип бир дасторконго отурам ай?

- Ээ курбум, баары өтүп кетет, төрөп-түшүп берсе небере ширин болуп калат, ошондо көрөм, Жамийлага төрөгөн жериңден айланайын деп калбасаң эле болду, - деп Салкын күлүп калды.

- Төрөсө баласын энесине бактырсын!

- Кой Турдукан, анчалык кетпе, ооздон жаңылган турбайт деген, буттан жаңылсаң дагы оозуңдан жаңылба, - деп курбусунун сөзүн жактырбады Салкын.

- Койчу ай, ушунун тууган баласын итке салып берем, - деп айтып озун жыйгыча Жамийла чай көтөрүп кирди, ал укса дагы укмаксан болуп унчукпай үстөл үстүнө баарын жайгаштырып чыгып кетти.

- Кудайды карасаң боло, көз карегиңдей жалгыз балаң өзү каалап алган колуктусун көп эле анте бербе, - деди Салкын Жамийла чыгып кеткенден кийин.

- Жалгыз балама өзүм алып берет болчумун.

- Ошентсе дагы балдарды түшүнүшүң керек, - деп Салкын бир чыны чай ичип ордунан турду, - Мен кетейин.

- Отурбайсыңбы?

- Жо-ок барайынчы, - Салкын чыгып келе жатканда Жамийла кир жууп жатып көңүлү айнып, көзү караңгылап, кулагы тунуп отурган, алар ээрчише чыгып келе жатып анын отурган жеринен чалкасынын жыгылганын көрүп жетип барды Салкын, - Ой келин, сага эмне болду айланайын? - Башын көтөргөндө анын оозунан көбүк агып калыптыр, ал ачка турган бойдон болчу:

- Ой ал жөн эле сыр көрсөтүп жаткан го? - деп Турдукан кенебей туруп калды.

- Ботом, сен дагы адамсың го, колдорун карачы, тырышып калыптыр.

- Тим кой, өзү эс алат, жөн эле коркуткусу келип жатса керек, - деп дагы деле ийибеди Турдукан.

- Ай Турдукан, өлүп калса сен жооптуу болосуң, тур молдо чакыр, - деп Салкын айтканда гана кетти, ал үйгө келген Салкындын көзүнчө атайын жасап жатат деп ойлогон эле, экөө сүйлөшүп отургуча түш болгонун байкабай калган эле.

- Эмне деп жатасың, эмнеге өлмөк эле? - деп келип, келининин түрүн көрүп чындап коркуп кетти, - Эмне доктур чакырайынбы?

- Доктур эмес молдо чакыр, арууркаган го, бол эрте, - деп колун ушалап жаакка ургулады, - Жамийла, тур-тура гой, көзүңдү аччы айланайын, - дегенде тишин кычыратып көзүн аңтара чиренип булдуруктаганда Турдукан шашыла туруп кетип жатып босогодон Сагынбек менен беттеше түштү.

- Каякка? - деди ал аялына.

- Сагын, тиги молдону чакырып келе калчы.

- Эмне болду?

- Тиги-и, тиги Жамийла жыгылып калды аруусу бар окшойт.

- Эмне? - деп чоочуп эшиктин алдында келинин кучактап отурган Салкынды көрүп чоочуп кетип жетип келди, - Эмне болду буга?

- Кир жууп отуруп эле жыгылып калды, - деди Турдукан күнөөлүүдөй жер карап, - Оорусу бар го?

- Болду, Мамат молдого барып келейин, - деди да шашыла чыгып кетип көп өтпөй эле молдону алып келди, Жамийла алиге чейин көзү аңтарылып, колдору тырышып жаткан, аны үйгө киргизип жаткырып коюшкан болчу. Мамат молдо ага дем салып отуруп:

- Келиниңер катуу коркуп калган, деди, анан колун кармап тамырын көрдү, - Кой бойлуу да болсо керек, этият кылгыла.

- Кой бойлуу, келгенине он беш күн зорго болду го? - Турдукан молдону ишене бербей карап калды, ал молдону жактырбаса дагы аргасыз көнгөн болчу, атеисттик заманда далайлар молдо-кожого ишенбей "каапыр" боло баштаган эмеспи, Турдукан дагы мугалим болгондуктан ишенчү эмес.

- Кош бойлуу экенин анык, жүрөгү катуу түшкөн, бирдемеден чоочуп калган го, үч күн дем салайын, жакшы болуп кетет, - деди Мамат.

- Өзүнүн оорусу болсо керек дейм: - деди Турдукан.

- Инш-шалла, оорусу билинбейт, жаңы гана корккон түрү бар.

- Эмнеден коркот? - деп мурдун чүйрүп отуруп калды, ошол кезде Турат келип калды, суналып жаткан келинчегин, аны тегеректеп отурган ата-энеси менен Салкынды көрүп делдээ туруп калды, бир аздан кийин гана:

- Жамийлага эмне болду? - деп сурады.

- Ооруп калды, - деди Турдукан өзүн күнөөлүү сезип.

- Эмнеси ооруйт, жакшынакай эле жүрчү эмес беле?

- Кайдан билебиз балам, отур дем салып жатат, - деди Сагынбек.

- Доктурга алып барбай эмне кылып жатасыңар анан, молдого болчу беле? - деди суроолуу карап.

- Кой балам, тынч отур, коркуп калыптыр, - деди Салкын, - Мындайда доктур жардам бере албайт.

- Кызык, азыр молдого ишенип болобу? - дегенде Сагынбек аны тим отур дегендей белги берди эле унчукпай калды, мунун сөздөрүн уккан молдо терикпеди, анткени азыр молдого ишенгендер чанда гана болчу, көпкө дем салып анан кетти, Жамийла ал кеткенден кийин көзүн ачты, башын көтөрүп кайнатасын көрө тура калды:

- Мага эмне болду?

- Жат, жата бер балам, бизди коркутуп ийдиң.

- Жо-ок турайын, - деп өйдө болмок болгондо Турат кармай калды, башы тегеренип көзү караңгылап кетти дагы, - Башым айланып жатат да.

- Жүрү бөлмөгө кеттик, бирдеме ичтиң беле?

- Жо-ок...

- Апа, али эчтеке ичкен эмес тура, - деп Турдуканды карады.

- Азыр, мен чай даярдай коеюн, - деп шыпылдай ашканага кирди: "Кудай уруп эчтеке иче элек тура, бирдеме болсо, мен күнөөлүү болом, кой ал деле адам баласы эмеспи, баса бул кайдан кош бойлуу болуп калат, тийип тийе электе эле кантип болсун, мында бир сыр бар боюна болуп калып эптеп Туратка тийип абийирин жапкысы келген го, аңкоо балам ошону да билбегенин кар, жаш неме кыз жубанын билди дейсиңби", - деп ойлонуп чай алып кирди, - Жакшы сезип калдыңбы өзүңдү? - дегенде Жамийла ылдый карап жооп берди:

- Ооба жакшы элемин.

- Жакшы болсоң угуп кой, боюңда бар экенин жашырып жапкың келип эле Туратка жармашыпсың, ал белгилүү болду оңолуп ал да акырын үйүңө кет! - дегенде келинчегине үйрүлүп жаткан Турат ыргып турду:

- Эмне деп жатасың апа?

- Ошо боюнда бар экен мунуңдун.

- Жамийла, ошондойбу мен билген эмесмин, - Турат келинчегин эки бетинен өөп, -ң Биз балалуу болот экенбиз да ээ? - деди кубана.

- Эй маң баш, кандай түшүнбөйсүң ыя, кеминде эки ай болуптур, мунун келгенине он беш эле күн болду го?

- Апа, бул менин балам, аны өзүм билем.

- - Калп, сени жөн гана куулук кылып алдап жатат! - деп заарын чача караганда бөлмөгө Сагынбек баш бакты:

- Эмне болуп жатасыңар?

- Ата, апам мындайын койбосо Жамишти алам да бул үйдөн чыгып кетем, - деди Турат.

- Жөн жүрсөң боло, балдардын тынчын албай, жүрү чай берчи, мен жумушка кетем, - деп Турдуканды бөлмөдөн алып чыгып кетти Сагынбек, - Тим кой, өздөрү билсин, жалгыз балаңа асылып эле калдың, - деди бөлмөдөн чыккандан кийин.

- Балаңды урушкандын ордуна мени тыясың да.

- Аларга мүмкүнчүлүк бер да, сени билимдүү мугалим деп ким айтат?

- Эми сен калдың эле, балаң тилимди албай жатканы аз келгенсип, - деп чай-тамагын булкулдай алып келди, түштөнүүгө келген Сагынбек кардын тойгузуп алып кайра кетти, Жамийла чай ичип алып жатып калды, анын жанында Турат үстүн кымтылап жатты:

- Эми түзүксүңбү жаным?

- Ооба, сен эч жакка кетпечи.

- Сени ээрчитип кел дегенинен сага келгенмин да.

- Ким?

- Сейит, келин ала качып келишти, улагын союп казанга салып коюп келгенмин да, - деди Турат.

- Анда дагы кетесиңби?

- Жо-ок, барбай эле коем го?

- Мен деле бара берейинчи.

- Өзүң дурус элесиңби?

- Азыр жакшымын, жыгылганымды өзүм билбей калыптырмын.

- Сен экөөбүз эми үчөө болобуз, уулубуз мага окшош болот ээ? - Турат эңкейип келинчегин өптү.

- Кыз эле болсунчу.

- Эмнеге?

- Мага кыз жагат, - Жамийла эркелей карады.

- Макул-макул, сен каалагандай эле болсун.

- Мен барайынбы?

- Өзүңдү жакшы сезсең кийин кеттик.

- Жакшы элемин, - Жамийла кайненеси менен бир үйдө калгысы келбей эртерээк кийинип, башына жоолук салынды да Туратты ээрчий кошо чыгып келе жатканда верандада отурган Турдукан:

- Эми эле өлө турган болуп жатпадың беле, кайда жөнөдүң? - деди.

- Апа, классташым үйлөндү, Жамийланы алып кел деген.

- Апей, кечээ келген келин айылчылайт деген эмнеси, деги бирдеме көргөн немесиңби ыя, келин көрө элек кайнагаларың көрүп калса уят эмеспи, кир үйгө, - деди ачуусу келе.

- Апа, эски салатты койгулачы, азыр эч ким андай дебейт, - Анан Жамийлага карады, - Жүрө бер кеттик, бизди күтүп калышты. Алар эшикке чыга бергенде Турдукан жулкуна жетип келди:

- Менин тилимди албасаңар кайрылып бул үйгө келбегиле!

- Чын айттыңбы апа? - деди Турат токтой калып.

- Турат унчукпа, мен кала берейин, - Жамийла эне баланы уруштургусу келбей колун бошотту, - Сен эле барып келчи.

- Болбойт, - деди Турат орой, - Эгерде айтканыңыз чын болсо артыман издебегиле, эми мендей балаңар жок! - деди да Жамийланы колунан ала ылдамдай басып кетти.

- Кайда барып баш калкалайсың* - деген Турдукандын сөзүн уккан дагы жок, абдан ызалуу: "Өз ата-энемдин жасаган мамилеси өттү деги, жер чукуп иштесем дагы үй-бүлөөмдү багам, эми мен жаш бала эмесмин, адамча жашоого кудуретим жетет", - деп ойлонуп бара жатты. Ошол күнү классташтары менен бирге болуп ойноп-күлүп отуруп анан таңга маал тарашты, Турат Өмүрбек деген классташынан жыйырма беш сом сурап алды да Жамийла экөө шаарга кетип калышты.

- Байбиче, Тураттар көрүнбөйт да, - деди кечинде келген Сагынбек.

- Сейит үйлөнүптүр, ошонукуна кетишти.

- Аа-а мейли, жаштар эмеспи.

- Өздөрүн өздөрү билип калышты го?

- Кой тим кой, башкысы балам бактылуу болсо болду.

- Ким билет, жанагысы жакшылык кылбайт го?

- Анте бербе, ушул Туратты кандай гана тилек менен көрдүк эле, бактылуу болушсун, - деп Сагынбек жамбаштай кетти.

- Кой десе болбой алып алды, ким билет, - андан кийин Сагынбек аялынын сөзүнө жооп кылбады: "Жаш кезинде байкаган эмес экенмин, өз баласына дагы ушунчалык каршы чыгабы, өгөй болсо дагы бир жөн, балдарды өзүнчө бөлүп ийсем окшойт, азыр биз келиндин кызматына зар эмеспиз, Турдукан али жаш, өздөрүнчө жашаганы жакшы", - деп ойлонуп жатты. Түнү бою келбегенинен эртең менен бөлмөсүн карады Сагынбек, кечээги бойдон экенин көрүп:

- Балдар келбептир го?

- Келип калаар...

- Ушунча жүрөбү, барып сурап келчи.

- Өздөрү келет да, мен алардын артынан жүрмөк белем?

- Анда мен барып келейин, - деп Сагынбек чыгып кетти.

- Деги кандай бүлөөгө жолуктук эле, баламдын башын айлантып келип тозокко салмай болду, - деп өзүнчө күбүрөнүп жатканда Салкын кирди, - Кел.

- Жамийла жакшыбы, ошону көрөйүн деп эле келдим.

- Ой өлбөйт ал, арамза болсо керек, кечээ Туратты ээрчип кеткен бойдон келише элек, - деди Турдукан жактырбагандай карап.

- Каякка кетишти?

- Тиги Эрмектин баласы Сейит үйлөнгөн тура.

- Теңтуш немелер барат да, жакшы болуп калса эле болду, бечара ал да бирөөнүн баласы эмеспи, менин эки кызым күйөөдө, алыс кетишпедиби, аларды ойлонуп жаным төрт чарчы болот, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай гана күндө жүрүшөт деп.

- Жакшы болсо барган жерине сый болот да.

- Капырай, мен сени тааный албай калдым, мен билген Турдукан эмессиң ай, жалгыз балаң сүйүп-күйүп алган келинди кантип жаман көрөсүң? - деди Салкын ага таңгала карап, - Ушул баланы көргөнчө эмне күндү көрбөдүң эле?

- Көңүлгө жакканын албаса кантем?

- Сага жакпаса Туратка жагат.

- Жакпаса койсун, - Сырттан Сагынбек кирди:

- Турдукан, Тураттар Фрунзеге кетип калыптыр!

- Качан?

- Азыр эле тигил Садык айтты, автобуска түшкөнүн көрүптүр.

- Жинди болушкан го, аны жанагы сөлдүрөгөн шүмшүгү азгырды да.

- Кой Турдукан, уул-келинге мындай кылба, өзүңдүн андан башка балаң болбосо, бир балаңды кыйнап койбо, - деп Салкын туруп кетмек болуп сыртка чыкты, Турдукан мисирээ турган ордунда катты. Ошентип ал күнү Сагынбек райондогу аэропорттон самолетко көтөрүлүп калганда уулу менен келинин алып калды, Турат болбой көгөрдү, бирок ага ата болбоду, кеч күүгүмдө аларды үйүнө алып келди. Балким ошондо шаарга кетип калышса тирчилик кылып, эптеп жашап жүрө беришмек беле ким билет, кайра келгенине кубанбай Турдукан эми көз көрүнөө эле асыла баштады.

- Сен менин баламды тентитип каякка азгырып жөнөдүң ыя, ал сен эмес тарбиялуу бала, сага ата-энең жакшыраак тарбия бербептир да!

- Турдукан болбодубу эми, - Сагынбек ачуулу карады.

- Ушу сен келгени үйүбүздөн ырк кетти, сен үчүн уруш болот.

- Апа, мени бала катары көрбөсөң ачыгыңды айт да, Жамийлада эмне күнөө? - деди Турат, Жамийла ыйлагандан башка үн катпады.

- Күнөөсүбү, анын күнөөсү ар кимден боозуп сенин башыңды айлантып отурганы, сен маң баш ошого ишенип келесоо болуп отурасың.

- Сен кандай аялсың деги, дагы бир жолу сүйлөсөң сени менен мен ажырашамын, - деди Сагынбек ачуулу.

- Мейли ажыраш, бир кызалактын айынан төркүнүмө кетир! - деп сөз бербей ажылдаганда Турат сыртка чыгып кетти, анын эмнеге чыкканын эч кимиси деле баамдаган жок, Жамийла өз бөлмөсүнө кирсе дагы артынан кирип сүйлөй берди эле ал дагы сыртка чыкты, ары карап, бери карап Туратты таппады, анын оюна жамандык келбеди, түн бир оокумда төшөгүнө кирип жатып алды. Туратты досторуна кеткен экен деп ойлоду ал, таң эрте катуу уктап калган экен:

- Тур, Турат кайда кетти? - деп Турдукан бир тепкенде чоочуп бакырып тура калды.

- Апа-а!

- Ападан айлан, - Турат кана?

- Билбейм, кечинде чыккан бойдон...

- Билмексен болбой таап кел!

- Кайдан табам? - Кийине ордунан турду, анын дагы муундары калтырап жыгылганы турду, ошол убакта сырттан Сагынбектин боздогон үнү угулду.

- Оо жаратка-ан, бул эмне деген шумдугуң эле, каралдым ай, жалгызым а-ай! - дегенин угуп Турдукан жүгүрүп чыкты, анын артынан Жамийла эптеп басып бара жатып босогого жеткенде Сагынбектин Тураттын жансыз денесин көтөрүп келе жатканын бир билет, ошол бойдон кечке маал эсине келди. Апасы Тоту маңдайында отуруптур. Ал көзүн ачып эле:

- Апа, Турат келдиби? - деди алсыз.

- Кызым, шоруң каткырым ай, аның куураптыр го? - дегенде чачтары саксая туруп алып сыртты көздөй жүгүрдү:

- Турат, Турат кайда жүрөт, менден качпачы Турат! - деп чыгып келе жатканда алда качан үй тигип өлүктү жайына алып жаткырып коюп боздоп ыйлап отурган Сагынбек менен башкалар жардана карап калышты, артынан чыккан Тоту кызын кучактап башына жоолук салды:

- Эсиңе кел кызым, Турат эми жок, ал муунуп алыптыр!

- Аа-ай! - деген Жамийла кайра эсин жоготуп койду, боз үйдөн чыга калып Турдукан:

- Көзүмө көрсөтпөй жоготкулачы, кара жолтойдун айынан баламдан айрылдым, - дегенде Сагынбек басып келди:

- Кир азыр, ал эмес сен өлтүрдүң баланы, кечээ алып келбей койсом болмок экен, аялы бар эркектин башында аялы турушу керек, боюнда барын дагы жарыя кылабыз, - деди акырын. Турдукан буркурап ыйлап кайра үйгө кирди, каргап шилеп жатты, эртеси эле Туратты жайына коюшту, андан соң Турдукандын каргап шилегенинен улам Жамийланы ата-энеси алып кетти.

- Балам, барсаң барып тур, уулумдан калган туяк кызбы, уулбу бизге аман-эсен төрөп берсең болду, тагдыр экен, айла жок, - деп Сагынбек көз жашын көлдөтө узатып кала берди. Жамийла көптө барып өзүнө келди, кыркын бергенде аны абысындары келип алып кетти, Сагынбек жөнөткөн эле. Турдукан баласынан кийин ар кайсыны сүйлөп өзүн билбей калды, Сагынбек кайгыдан төшөккө жатып калган, бул кыйын оор тагдырга туш келген адам ким болсо дагы көтөр алмак эмес эле...

Жети айдан кийин Жамийла кыз төрөдү, Сагынбекке сүйүнчү жиберишти, бирок төрөттөн кийин оңоло албай Жамийла дагы оо дүйнө кетти. Калың эл кайгылуу окуяны кеп кылып жатты, Турдукан эч ким менен иши жок эле өзүнчө сүйлөп, күлүп кээде басып кетип калганда төркүнү алып кетти, жалгыз сиңдиси бар болчу. Сагынбек сүйүнчүгө бир тай берип:

- Менин дагы көрөөр күнүм аз калды окшойт, уулум көрбөй кеткен перзентти мага алып келип көрсөтсүн, атын өзүм коеюн, - деди онтолоп.

- Макул аке, - деп келген бала барып айтты эле Жолдоштун кичүү кызы Замира көтөрүп келип көрсөткөндө наристени чекесинен өөп:

- Маңдайың жарык кыз бол айланайын, өмүрүң узун болсун, - деп Замиранын колуна кагаз карматты, - Бул документ кызым, артыбызда кыз болсо дагы туяк калды, ушунусуна шүгүр, бул үй-жай, короодогу малдын баары кызыма калсын деген кат, бекем катып ал дагы мага жибер, - деди.

- Макул, кете берелиби?

- Токтой тур, неберемдин кулагына атын айтайын, - деп Сагынбек небересин колуна алып шор-шор жыттап көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп, - Атың Жаркынай болсун каралдым, өмүрүң узун, бактылуу бол, - деди да ороодогу он-он беш күндүк наристени Замирага сунду, - Жаркынай деп койдум кызым, сен атаңды мага жибер, - деди да жатып калды. Өздөрү кайгы жутуп үч баласынын улуусу, тун кызынан айрылып отурган Жолдош менен Тотуга бул жаңылык таңгалыштуу болду. Эртеси Жолдош келгенде Сагынбектин жанында иниси менен келини, дагы башка туугандары бар болчу, ал аны жанына жакын отур дегендей белги берди.

- Айла жок экен куда, мен дагы кызымдын айрылып калдым, - деп эмшиңдеди Жолдош.

- Сабыр кылыңыз, мындай болот деп ким ойлоптур? - деди Азимбек кайрат айтып.

- Жолдош, - деди Сагынбек ага карай, - Бул Жаркынайдын күбөлүгү, атасы көрбөй кетти аттиң, - Муунуп-муунуп зорго сүйлөдү, - Мына, инимдин туугандарымдын көзүнчө уулумдан калган жалгызыма баарын бергенимди билишет, азыр короодогу малды толугу менен айдап кет, небереме менден берген мурасым болсун, бул үйдүн документин болсо бердим, - деп оор дем алып алды, - Азимбек, короодогу малды бүт чыгарып бер Жолдошко.

- Аке, кызды өзүбүз деле багат элек го? - деди Азимбек ичи ачыша, анткени он бештей кой эчки, эки музоолуу уй, бир жылкыны бүт бергин деп мурунураак дагы айтып отурган эле.

- Жок, таятасында чоңое берсин, - деп унутуп калгандай жаздыгынын алдын сыйпалап дагы бир кагаз алып чыкты, - Мында малды бердим деген акт бар, өз колум менен бүтүрдүм.

- Аа-ай аке, - деген Азимбек аргасыз агасынын аманатын аткарды, Жолдош малды айдап үйүнө келди.

- Кызымдын көзү болбогондон кийин бул малынын кимге кереги бар, алып барып бер, - деп Тоту ачууланды, бирок эл деген эл да Сагынбектин акыйкат чечимине ыраазы болуп аны тыйып койду. Тоту кичинекей наристени ичинен жек көрүп колуна албай жүрдү: "Туулбай жатып ата-энесин жуткан шүмшүк десе, кайдан да эрге тийе койду эле", - деп жээрип туруп алды. Жамийла кайненесинин өзүнө каршы экенин, асылып жатканын ага айткан эмес. Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи, ал бат эле өтүп билинбей Жаркынай сегизге чыгып чекилдеген татынакай кыз болуп өсүп бара жатты. Сагынбек болсо эки-үч ай төшөктө жатып көз жумган. Турдуканды сиңдиси ооруканага жаткырып койгон, ал катуу айнып калган, жакын-алысын деле тааныбай күлүп каткырып, өзүнчө сүйлөп жүрө берет. Кырк беш жашында өзүнүн ким экенин билбей адам катарынан чыкты, сиңдиси ыйлап-сыктап врачтарга кайрылып дарылатып жатып акырындап өзүнө келе баштады, кийин үйүнө алып келди эле ар бир бөлмөгө кирип, өзү кармаган буюмдарды көрүп эсине бир нерсе түшкөндөй отура калып эчкирип жиберди:

- Эже, бир нерсе эсиңе түштүбү? - деди кубанып кеткен Урматкан.

- Ооба, баарын эстедим, - деп бакырып ыйлап жатты.

- Капаланбачы эже, андан көрө небереңди көрөсүңбү?

- Эмне? - деп делдээ карады Турдукан.

- Тураттын кызын айтат, ал окуп калбадыбы.

- Ыя, ошончо убакыт өтүп кеттиби, а-а Сагынбек кайда кеткен?

- Эже-е! - Урматкан эжесин кучактап ыйлап жатты, - Жездемден дагы айрылып калганбыз!

- Эмне-е...

- Өзүңдү карма эже, тагдырдын жазганына арга барбы?

- Жамийла мага кызын көрсөтөбү анан?

- Эже, ал төрөгөн соң өткөн, ал дагы жок...

- Менин кесиримден болду баары, неге мен тирүү калдым, мен кудайга жакпаган иш кылдым, кантип ушунча күнөөнү жүктөнүп өмүр сүрөм? - деп ыйлап жатты Турдукан, баары кеч болуп калган эле, адам ката кетирбөө үчүн миң ирээт ойлонуп, кабыргасы менен кеңешип анан иш кылса пенделер күнөөдөн алыс болмок. Бирок учурунда эч кандай ойлонбостон ката кетирип алып кеч болуп калганда өкүнүп калышат, оңдогус кемчиликтин арты адамды өлөр-өлгүчө убайымга салып өтөт. Турдукан өзүнүн каталыгын кеч түшүндү, жалгызынан калган небересинин жүзүн кароодон уялды: "Эми мен сенин чоң энеңмин деп кантип бармак элем, Сагынбек байкуш туура чечим кылган экен, бул үйдө эми мен тура албайм, уулумдун арбагы мени кечирбейт", - деп ичинен сыздап жатты.

- Эже, Самат азыр кой алып келет, мен камыр жууруюн, Турат менен жездеме куран окуталы, - деди Урматкан.

- Мейли садага, өзүңөр билгиле.

- Көп чөгө бербе эже, өзүң жакында эле сакайдың.

- Ошо эсиме келбей эле кете бергеним жакшы эмес беле?

- Кой антпе, сен үчүн Самат экөөбүз кандай гана убара тартып, врачтар менен сүйлөшпөдүк эже, балдарды дагы карабай сенин жаныңда болдум, - деп Урматкан чыйпылыктап ийди, - Сегиз жыл бою эже, жетимиш тогузунчу жылдан бери ойлосоң, мага сенин амандыгың каниет, энеден экөөбүз эле болдук, кантип кыям?

- Айланайыным ай, мендей акмак эжени кечип койбойт белең, өзүмдүн кылганым көз алдымдан кетпей бул үйдө тура албайм эми, ошол уулумдан калган бир чырпыкка буйрусун, Сагынбек туура чечим кылыптыр...

- Ооба, биз дагы ошентип ойлодук.

- Эртең Жаркынайды көрүп келелиби?

- Жок бара албайм.

- Эмнеге эже?

- Аты Жаркынайбы? - деди Турдукан кайра.

- Ооба, жездем өзү коюптур.

- Байкуш, көрүп кеткен экен да.

- Ооба, көрүп анан атып коюп кыз болуп калганына өкүнгөнүн Азимбек айтты мага.

- Оолда-а байкушум ай! - деп ийди Турдукан.

- Көп кейибе эже, ооруп каласың.

- Кудай сактасын, - деп үшкүрүп алды, аңгыча Урматкандын күйөөсү Самамт кой алып келип калды, арыдан бери боорсок жасап, койду союп кирди, Турдукандын келгенин билгендер кирип куран окутуп жатышты, анын жакшы болуп калганын көрүп тамшанып да, таңгалып да, ушактап да жатышты.

Сагынбек менен Туратка куран окутушту, ал күнү ошол жерде болуп эртеси Урматкан менен Турдукан ээрчише мектеп жакка бара жатты. Ала шалбырт болгондуктан жер ылай эле, Урматкан эки-үч жолу барып Жаркынайды көргөн, аны тааныгандыктан келээр жолун карап күтүп турганда тыкылдап сумкасын асынып, барпырата вантик таккан кызды көрсөттү:

- Эже карасаң, Тураттын эле өзү.

- Кана, кана көрөйүнчү, - деген Турдукан көздөрүнө толгон жаш тозуп сүйлөй албай мукактанып бүткөн боюн калтырак басып кетти.

- Жаркынай! - деди утурлап Урматкан, - Кел, келе гой.

- Таеже! - деп кыз келип кучактап калды, колундагы конфетти карматып эки бетинен өөп, - Жакшы окуп жатасыңбы? - деди.

- Ооба, жакшы окуйм, - деп Турдуканды жал-жал карады.

- Кел садага, чоң кыз болгон турбайсыңбы? - деп кызды эңкейип өпкөндө анын көз жашы кыздын бетине тамып кетти.

- Сиз кимсиз, эмнеге ыйлап жатасыз? - деди Жаркынай такылдап анын тамган жашын сүртө, Урматкан эжесин карады, ал "айтпа" дегендей оозун кымтый басып кетти.

- Ал менин эжем болот садага, эми окууңа кире гой, бул акчага керектүүңдү алып ал ээ? - деп жүз сом берди.

- Сиздин эжеңиз болсо менин таежем тура ээ?

- Ооба, эми дагы келем, жакшы окугун ээ? - деп Урматкан кызды кучактап дагы бетинен өөп жөнөттү, Турдукан бул кезде жүрөгү сыздап, өзүн-өзү жектеп жер карап көз жашы жүзүн жууп кетип жаткан.

- Эже, ыйлай бербечи, - деди Урматкан жете келип.

- Ушундан көрө алардын артынан эле өлбөй неге тирүү калдым, менин күнөөм жер көтөргүс Урмат, көз көрүнөө өлтүрбөдүмбү, неге балдарыма каршыгып туруп алганымды билбейм, жалгызымдын туягынын жүзүнө кантип чоң энеңмин демек элем, мен анын туулушун да каалабаганмын, мендей жексурду тирүү жазалагысы келген экен да кудай таала, - деп шолоктоп ыйлап жатты. Урматкан улуу кызын кошуп берип Турдукан үйүндө калды, ага колу-коңшусу эртели кеч кирип чыгып жатты, баягы курбусу Салкын келди бир күнү:

- Сени келди деп эле уктум да келе бердим, Бишкектеги уулумдун үйүндө жүргөнмүн, - деди учурашкан соң.

- Келгениң жакшы болду Салкын, - Турдукан ыйлап-сыктап сүйлөп кирди, - Уулумду өз колум менен эле өлтүрдүм... Неге мени албады кудайым?

- Кайрат кыл эми, баарыбыз жараткан алланын колундабыз, биз себепчи, алла өзү билет кимди алаарын, сенин дагы көрөөр күнүң бар курбум, Турат жаш кетти, айлаң канча он сегиз эле жашта эмес беле кургур, пешенесине ошону жазган экен да, кыз дагы болсо артында туяк калды, ошого канимет кыл эмИ, - Салкын кайрат айтып экөө чай ичип отурушту.

- Ошол кыздын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип жүзүн карай албай калбадымбы?

- Антпе, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген, андан көрө кызды өзүңө тарт, айтып өз колуңа ал.

- Айта албайм Салкын, татынакай кылып багып жатышыптыр, аларга дагы кыйын, кызынан айрылышты, - Турдукан үшкүрө жашын бет аарчыга аарчып алды, - Мен жаман адам экенмин, өзүмдү алардан бийик сездим, андан жакшы жердин кызын алып берем, мен асылсам кетип калат деп ойлодум да, көрсө колунда жок болсо дагы алар адам экен, небересин чырактай кылып багып жаткан бактылуу адамдар экен, - Турдукан эчкирип жатты, ыйлап бугун чыгарып алсын дегендей Салкын үндөбөдү, - Сенин айтканыңды укпай өзүмдү жерден эмес асмандан көрүп жүргөн экенмин го Салкын, - дегенде анын дагы мууну бошой түштү:

- Болду, эми өзүңдү кыйнагандан пайда жок Туку, өз учурунда билбедиң, эми кайгырганда пайда жок, өзүң зорго жакшы болуп келдиң, өзүңдү ая, - деп кошо ыйлап ийди.

- Кантейин эми...

- Курандан башка айла жок.

- Ооба, айтканың туура.

- Бул үйдү Сагынбек небересине калтырып кетти деди эле.

- Ооба, бул ошол кыздыкы, мен өлгөнчө эптеп түтүн булатып турайын дедим, очогубуз өчпөсүн деген ой...

- Сен эмне, азыр жашсың, жаман небере кызыңды күйөөгө берип карыганча жашай бер, эми, - деди Салкын курбусунун көңүлүн көтөрмөк болуп, Турдукан азыр элүү үчкө караган кези, чачтары аппак болуп кеткен, Туратбек деп тилеп жүрүп жыйырма жетисинде көргөн эле баласын, көпкө ыйлап отуруп көз жашы түгөнгөндөй томсоро отуруп калды, Салкын аны кыя албай отурганда бир коңшусу кирди.

- Турдукан, амансыңбы айланайын?

- Кудайга шүгүр эже, отурам го өлгөндүн артынан өлө албай.

- Кой антпе, өлгөндүн артынан өлмөк жок, алланын колундагы кулубуз айланайын, ар ким өз маңдайына жазганын көрөт, - деп Умсун кемпир отуруп куран окуду, - Бейиши болсун бечаралардын, тиги дүйнөсүн берсин.

- Ошенткенден башка аргам жок, сегиз жыл бою эчтеке билбей ооруп жатып эми жаңы өлгөндөй болуп жатпайбы кантейин.

- Дагы жакшы, өзүң минтип сакайып кетипсиң, аллага миң мертебе ыраазылык дей бер балам, өлгөндүн өз шору, тирүүнүн күнү өтө берет.

- Ооба, ошентет экен да-а, - Турдукан үшкүрүнө ашкана жакка жүзүн бурду, - Асел, чай-пай алып келчи кызым.

- Макул, - деп ош бештердеги кыз тепилдей чай алып келип, нан жаңыртты.

- Тим койсоң боло, нан ооз тийип эле чыгайын дедим эле, - деп Умсун шыпшынып койду.

- Кой отуруңуз, мен дагы канча жылдап үйдө болбой калдым, өмүр деген ушундай кыска тура эже, чагылгандай чарт-чурт эткен тагдыр заматта эсимди оодарды, дагы байкуш сиңдим ар кайсы доктурга алып барып жүрүп сакайтыптыр, киши болуудан калдым эле...

- Ушуга дагы канимет кылууң керек Турдукан, зыңкыйып мектепке барып келгениңди көргөндө чал экөөбүз айтып калаар элек, баладан чукак болуп калды бечара, өздөрү абдан жакшы жубайлар деп.

- Ошо жалгызым он сегизде жайрабадыбы-ы.

- Кейибе айланайын, ал да болсо тагдырың, - деп аркы-беркини айтып отуруп анан Салкын экөө бирге чыгышты. Турдукан күнү-түнү ыйлап уулунун арбагынан кечирим сурап, кудайдан күнөөсүн кечирүүсүн тилеп жата берчү болду. Асел мектепке барып келип турат, Урматкан анда санда ал абалын билгени келип кетет, эт ашын даярдап берип турушат, бир жолу Асел Жаркынайды ээрчитип келип калды. Аселге Урматкан өзү тааныштырган эле.

- Асел эже, биз каякка келдик? - деди кирип келе жатып, ал үндү уккан Турдукандын жүрөгү болк этип башын өйдө көтөрдү: "Чунак кыз десе, чоң энең деп айтпаса экен, анда эле качып кетет го, таенеси мен жөнүндө жакшы сөз айтпагандыр, наристе сезиминде жек көрүп калбаса экен", - деп эшиктен көзү өтүп калды.

- Бул биздин үй.

- Аа-а, - деп койду тентек кыз.

- Таеже, Жаркынай келди!

- Мм, - Сөз сүйлөөгө кудурети келбей колдору калтырап туруп калды, - Кел-келе гой кызым, - Кирип келе жаткан кызды көздөй калтыраган колдорун сунду, - Келе гой садага чоңойдуңбу? - үнү дирилдеп чыкты.

- Чоңойдум.

- Садага кетейин десе, - Бооруна кысып туруп калды, - Чай берчи Асел.

- Азыр таеже.

- Окуп жатасыңбы Жаркынай?

- Ооба, - Кыз Асел кийимин алмаштырган жакка кирип кетти, ал жакта Тураттын портрети илинип турган эле, аны бир карап туруп, - бул ким? - деди жүрөгү бир нерсени сезгендей тигиле карап. Анткени ага Замира дайыма Жамийланын мектептеги сүрөттөрүн көрсөтүп: "Бул апаң, бул атаң болот", - деп чогуу түшкөн сүрөттүн ичинен экөөнү көрсөтүп калчу. Замира күйөөгө чыгып эки балалуу болуп бактылуу жашап жаткан учуру.

- Ал Турат...

- Менин атама окшош экен.

- Ким айтты эле, атаң Тураттын атаң экенин билесиңби?

- Ооба, менин атымды чоң атам коюптур да, мага таятам айтып берген, - деди Жаркынай такылдап.

- Сен эстүү кыз турбайсыңбы, - Асел аны жылмая карады.

- Мага таятам апам менен атамдын сүрөтүн чоңойтуп берген, кийин унутпай көрүп жүрөсүң деген да.

- Жүрө гой чай ичели, - Асел аны кайра жетелеп Турдукандын үстүнө кирди.

- Сиз менин чоң энемдин кайда экенин билбейсизби? - дегенде ал жалт карады, жүрөгү тынымсыз согуп кабынан чыкчудай оолугуп ичтен онтоп ийди, - Менин чоң энем бар экен, ал ооруканада деген таенем.

- Ошентти беле кызым?

- Ооба, чоң энең келсе көрөсүң, ал жакшы аял деген да.

- Аттиң! - деп көзүн жумганда көз кычыктарынан аккан жаш жаздыкка сиңип жатты, - Таенең ошентти беле кызым?

- Ооба, а сиз эмнеге ыйлап жатасыз, таенем дагы мени кучактап алып ыйлай берет.

- Карангалгырдыкы ай, ушунча да пас боломбу, мен жөнүндө жакшы сөз айтпайт деп ойлободум беле жараткан, өзүмдүн акыбалымдын кыскалыгын билбей башканы кемсинтип жүргөнүмдү кара, - деп солкулдап жатты. Жаркынайга чай берип анан узатып койду Асел. Ал кеткенден кийин жанына келип:

- Таеже, ыйлабаңызчы эми, - деди жашын аарчып.

- Ыйлабаганда кантем садага? - Муңканып кетти.

- Ооруп калбаңыз анан?

- Кудай алаар дейсиңби мени...

- Кой антпеңиз, - Асел таежесин жылмая карады, - Жаркынай акылдуу кыз болот экен ээ таеже?

- Өмүрүн берсин, - Оор дем алып алды, - Эртең Урматканды чакыр, Жаркынайды көргөнү барабыз.

- Макул, апам өзү деле келет болуш керек.

- Кечиктирбей баруум керек, - деди Турдукан ойлуу мелтирей.

Бирок ал ошол түнү жүрөгү улам солк-солк этип дем алуусу кыйындап араң таң атырды, Асел түнү бою уктабай карап таң атаары менен ата-энесин чакырып келди, алар келгенде Жаркынайды сурай берди, эти от менен жалын, ооруканага алып барышты, аерге Жаркынайды Тоту алып келди, колун суна небересин өөп алып колдору шалк дей түштү, ошентип ал дагы дүйнө салды. Жаркынай анын ким экенин ошондо гана укту, ошентип ал таене-таятасынын колунда өсүп жатты, ал бешинчи класска окуганда Жолдош өттү, эки жылдан кийин Тоту оорубай жүрүп эле өтүп кетти, эң кенжеси онунчуда окучу, ошентип ал таптакыр кароосуз калды. Замира жетинчи класска окуп жатканда колуна алды, өңдүү түстүү болуп өсүп келе жаткан кыз ким болсо дагы бир караганда көз жоосун алган чырайлуу болуп баратты. Таята-таенеси барында эркелеп өскөн кыз жездесинин колуна келгенде чоңой түшкөнгө саал токтоло түштү. Замиранын кайненеси аны жактырбады, бир күнү келинине:

- Замира, ушул сиңдиңдин келгени мага жакпады, туулбай жатып жетим калган баланын жолу катуу болот, бир кесири тийип жүрбөсүн, - деди эле ал кайненесин жалт карады.

- Коюңузчу апа, ушу кыздын кандай кесири тиймек эле?

- Куда менен кудагый оорубай этпей эле өлүп кете беришти, таежеси бар го, ошого берсеңчи.

- Жо-ок апа, эми эки-үч жылда бу деле адам болуп калат.

- Билип эле турам, бирок кара жолтой экени ырас эмеспи? - деди атайын эле кетиргиси келип.

- Апа, мен турган жерге келишет да, Талгат экөө менин бир туугандарым, антип айтпаңызчы, - Замира ыйлап ийди.

- Өзүнөн кетпесин балакети, кокус балама тийип жүрбөсүн, муну эсиңе түйүп ал! - деди Седеп катуу айтып. Замира үчүнчүсүн төрөгөнү турган, күйөөсү жокто иниси менен Жаркынайды алып ата-энесиникине кетип калды. Ырысбек дагы Замираны албасам өлөм деп жүрүп үйлөнгөн эле, кечинде жетип келди, ага ыйлап отуруп айтып берди.

- Менин бир тууганымдын кызы, жетим калса кудайдын кылганы экен да, ата-энем алчактатып баккан кызды кара жолтой дегени кантип болсун?

- Апам айта берет Замиш, кыз бойго жетип бара жатат, эми эле ордун табат, ага капа болбо.

- Эми Жаркынай менен Талгатты бир жаңсыл кылмайынча мен бул жерден кетпейм, булар жалгыз тамда кантмек эле?

- Макул, сен айткандай эле болсун, - деп Ырысбек макул болду. Балдары менен ата-энесинин үйүндө туруп калды, Талгат жалгыз бала болуп акыл-эстүү болуп өстү, туугандарына берген малын чогултуп колуна алып бага баштады, Ырысбек эки үйдүн ортосунда жүрүп үч жыл өтүп кетти, Жаркынай онунчуну бүтүп жатканда эле ала качып кетти, барган жери бардар адамдар болгону менен кайненеси жаман болду, басса-турса эле кара жолтой деген сөз оозунан түшпөдү, аябай жүдөп бара жатты, күйөөсү гана көзүн карап турганы болбосо тургусу жок. Замира эне ордуна эне болуп себин алып бармак болгондо Жаркынай токтотуп салды:

- Эже, мен бул жерде тура албайм, алып келбей эле коюңуз, - деди ыйлактап, - Менин ата-энемдин өлгөнү үчүн мен күнөөлүүмүнбү, кара жолтой деп эле карап турат.

- Күйөөң кандай, жакшы элеби?

- Ошонун көңүлү деп отурам, болбосо эбак кетмекмин.

- Кой антпе, кеткенде жаманатты болосуң да.

- Анан кантип чыдайм?

- Жакында Талгатты үйлөнтөм, ошондо барасың, анан көрөбүз.

- Макул, эптеп чыдайын.

- Алтыным десе, сен менин бир тууганымсың, сени ыйлатып карап отурмак белем? - деп Замира кудагыйына унчукпай кетип калды, болбосо себин алып келээрин айтып кеңешкени келген. Ошентип ыйлап жүрүп үч-төрт ай өтүп кетти, бир күнү кайненеси оолуга асылып кирди:

- Ушуну алам деп туруп алды, башка кыз түгөнүп калгансып, итирейбей турчу ары! - деп кир жууп жатса түртүп ийди.

- Апа, мен эмне кылдым десе? Сизге? - деп ызалана тура калды.

- Жоголчу ары, жылтыраган өңүңө кызыкты да, таштандыга алтынды ыргыткандай болуп, карасаң тим эле, - деп каргап жатканда Жаркынай уруша кетти.

- Мен жабышкан эмесмин, өзүңөр алып келип алып кордойсуңарбы, ылайым кызыңар мендей болуп кор болсун, ошондо билесиңер, жетимдин сөзү кандай тийээрин, - деди тилин тартпай.

- Ок, оозуңа кара таш, өзүңдөн эле кетпесин, - деп келип чачынан алып түртүп ийгенде чалкасынан кетип башы катуу тийип эсин жоготуп койду, - Ой, ой келин ач көзүңдү, ач көзүңдү коку-уй! - деп кыйкырганда ичтен күйөөсү чыга калды.

- Эмне болду?

- Кел, кел бери кокуй, келин жыгылып кетти, - деп кармалап жатканда күйөөсү Жоомарт келип калды:

- Эмне болду апа?

- Жөн эле жыгылып кетти, - деп алапайын таппай калды, Жаркынай көптө барып көзүн ачты.

- Жоомарт, качан келдиң? - деп тура калды.

- Этияттабайт белең, жыгылып калыпсың го? - деп колтугунан сүйөп тургузуп үйгө алып кирди, - Ооруган жоксуңбу, жакшы эле сезип калдыңбы? - деп үйрүлүп жатканда айтып ийбесе экен деп Зуура ары барып кулак түрүп турду, келининен сөз чыкпаган соң үйдөн чыгып кетти. Ошол күнү ал түнү бою ыйлап чыкты, күйөөсү сураганда айткан жок, болгону башы томуюп канталап калыптыр, ошону шылтоо кылып койду. Эртеси ал коңшусунун баласынан Замираны чакыртып ийди, Жоомарт жумушуна кеткен, Замира келгенде кайненесинин көзүнчө:

- Эже. Мен бул үйгө батпай калдым, - деди ыйлап, кайнатасы да отурган, ата-энемдин өлгөнү үчүн мен жазаланып калдым, кара жолтой болуп бул жерге зыяным тийе электе алып кетиңиз.

- Балам, сенин бул эмне дегениң? - деди кайнатасы ормое.

- Кечээ өзүңүз көрдүңүз го, өзүм жыгылбай эле апам түртүп ийген, башым томуюп жарылып кетти.

- Эй кудай урган, сени келинге сүйлөбө дебедим беле?

- Өзү сүйлөп жатпайбы, күнөөнү мага жаба салганын кара, - деп Зуура куйтулана карады.

- Жаш немени көтөрүп койбойсуңбу?

- Ата, - деди Жаркынай токтоо карап жашын аарчый, - Эгерде менден кеткен болсо нан урсун, өзүм бир жетим кыз болсом, кара жолтой деген сөз сагыздай эле жармашты, таенем-таятам барында андай сөз угаарымды ойлогон эмесмин, эми кантип улуу кишиге биринчи катыламын, жер жебериме жетип жетимди түртүп, чачын жулуп кордоп турса сөз чыкпайбы? - деди.

- Ок ат-тааңдын оозугурайын! - деди кайнатасы обдула, - Бар балам, азыр бара бер, бул ата-энелүү келин таап алсын, - дегенде Жаркынай кубана бир сыйра кийимин алып чыгып бара жатканда Жоомарт келип калды.

- Кайла жөнөдүң Жаркынай? - деп келе жатып Замираны көрүп учураша кетти, - Келиңиз эже.

- Келдим, жакшысыңарбы Жоомарт?

- Кайда барасыздар?

- Мен эжемдикине барам.

- Кандайча? - Эже сиңдини суроолуу карады.

- Балам, Жаркынай бир аз күн барып келсин, - деп атасы чыга калды.

- Эмнеге ата, төркүлөй электе...

- Барып келсин, кийин төркүлөтөбүз.

- Аа-а, - деп туруп калды, Жаркынай эжесин ээрчип кете берди, Жоомарт унчукпай кала берди. Ошентип Жаркынай ал үйдөн чыкканына кубанып үйүнө келип жеңилдей түштү, Замира ичинен: "Эл эмне дейт, төркүлөбөй туруп келип алыптыр деп кеп кылышат го, ата-энебиздин жогу ушундайда билинет экен да, баласынтты окшойт, кордогонун кара, жетим болгону үчүн күнөөлүүбү, эми мынча болду жибербейм, ата-энелүү кыз алып алсын", - деп ойлоп Жаркынайдын көңүлүн көтөргүсү келди.

- Жаркын, биз Талгатка келин таптык.

- Ким экен эже?

- Аида деген кыз, атамдын таежеси болот.

- Талгат акем сүйлөштүбү?

- Эми сүйлөшөбүз, жалгыз иниме сөйкө салып жаңыча алып бермек болдук.

- Эми көрсө, бири-бирин сүйбөй эле кантип үйлөнүшөт?

- Ал жагын сураба, Талгат жашап кетет, ал жалгыз бала эмеспи, ата-энебиздин очогунан отун өчүрбөй тукум улантат да, өзү дагы ошону каалайт, сүйүүнү ойлогон жок.

- Ошондо дагы...

- Талгат өзү чечти.

- Макул, бактылуу болсо болду.

- Мен дагы ошентип ойлойм.

- Кантип сөйкө салат эже?

- Ушинтип эле, туугандар болуп анын үйүнө барабыз, бараар күндү белгилеп койдук, сен дагы бирге барасың.

- Чын элеби? - Жаркынай Замираны кучактап өпкүлөп ийди.

- Дал ошондой.

- Талгат акем кайда өзү?

- Балдар менен жүрсө керек.

- Аа-а, - деп отуруп калды Жаркынай, эки-үч күн өткөндөн кийин Жоомарт чакыртыптыр, чыкса дарбазанын жанында туруптур.

- Жаркын кандайсың?

- Жакшы, эмнеге келдиң?

- Келдим, сени сагындым, - Кучактамак болду эле Жаркынай андан өзүнүн боюн тартып алды, - Жаркын, апам үчүн кечирим сурайм.

- Кереги жок.

- Эмнеге, ачууң тараса үйгө кетели деп келбедимби.

- Жоомарт, мен өткөндү унута албайм, жетим болсом дагы эрке болуп өскөнмүн, төрт-беш айдын ичинде мен келин эмес эле күңдүккө баргандай сездим өзүмдү, биз жашай албайбыз, - Жаркынай артына бурулуп кирип кетээрде аны Жоомарт карыдан алды.

- Жо-ок Жаркын, сен мени минтип таштай албайсың.

- Мен сени таштаганым жок, кордуктан өзүмдү калкалап жатам, - Жаркынай артына бурулду, - Кара жолтой келиндин эмне кереги бар апаңа, ата-энелүүсүн таап алсын, кое бер мени! - деди да кирип кетти. Жоомарт үйүнө ызалуу келип апасына бакырды.

- Сен эмнеге аны кара жолтой дейсиң, силер эмес мен алганмын Жаркынайды, менин жашоомду буздуң апа!

- Келет да, кайда бармак эле?

- Ооба келет, билесиңби ал аябай намыстуу, эми ал кайрылып келбейт, элдей болуп төркүлөтпөдүңөр, тоготпогондой болдуңар, жок дегенде эже-жездесин үйгө чакырып коноктогон жоксуңар, ата-энеси өлүп калса эле алар күнөөлүүбү?

- Болду, катын табылат, каалаганыңды деги алдың, жашабай жатып тилдүү экен, унут аны, сага башка кыз алып берем.

- Эмне, эми башка аял аламбы? - деп апасын тигиле карап туруп үстөлдө турган идиштерди колу менен сыдырып жерге урду, - Мына сага, өз ата-энем менин жашоомду бузду, - деди да сыртка чыгып кетти. Садык кемпирин акшыя карады:

- Карыганда калжаңдабай келиндин берген ысык чайын ичип отура бербей ушуну кылмаксың?

- Мен эмне кылдым, элдин баары эле кара жолтой кыз дешет экен, ата-энеси, чоң ата, чоң энеси дагы ушул төрөлгөндөн кийин өлүптүр, таята-таенеси дагы, үйүңөргө бир кырсык алып келет дешти, - деп Зуура күйөөсүнөн эптеп кутулмак болду.

- Ушул чычкандай кыздын колунан эмне келмек эле?

- Ой эл айтса коркосуң да.

- Анда урушуп отурбай эле балаңа түшүндүрүп кетирип ийбейт белең?

- Ошого балаң көнөбү?

- Көнбөсө тим кой, балдардын жашоосуна киришпе.

- Болуптур эми, киришпей эле коеюн, тигиниң кайда кетти? - Кабатырлана күйөөсүн карады.

- Келинге бараар көп болсо.

- Деги тынч болсо экен.

- Эми ойлонуп калдыңбы?

- Эмне кыл дейсиң деги? - Зуура кейип очорула туруп эшикке чыгып кетти, - деги ушунун сөзүнөн кутулайынчы.

- Апа, эртең барып Жаркынды алып келгиле, - деп Жоомарт алдынан чыкты, - Жеңемдер менен

сүйлөшүңүз.

- Өзүң барбайсыңбы?

- Мен кетирдим беле?

- Опээй, баары мени күнөөлөшөт тура.

- Анан эмнеге аны кара жолтой дейсиң?

- Элден уксаң алмак эмессиң балам, болуптур эми эртең кечирим сурап барып келсе алып келип берейин, - деп наалый кайра ичкери кирди, чоочулап корккон эле, көөнү жайлана отуруп калды. Эртеси улуу келинин ээрчитип, абысынын кошуп майда чүйдө алып жөнөп калды.

- Каякка жөнөдүң? - деди Садык, ага айткан эмес болчу.

- Келиниңе барып алып келели.

- Ой кудай урган, куру эле бара жатасыңарбы?

- Алчууну алдык, төө жетелеп бармак белек.

- Токтот! - деди Садык ачуулу, - Акматты чакырт, тигил күрөң козуну союп, боорсок жасат келиндерге.

- Шаан-шөкөтү жок эле барам, келсе келди келбесе жок.

- Карыганда сени кудай урду го, балдарга жаман көрүнбөй тынч өлсөң боло, коңшу-колоңу бар, төркүлөтө элекпиз...

- Зайпаана болбой отурчу чал, ал келиндин келээрине көзүм жетпейт, жөн эле чачыла бергенде эмне? - деп коюп эки келинин ээрчите жөнөп кетти. Алар келгенде Жаркынай үйдө болчу, Замира инисин үйлөнткөнгө кийит кече даярдап Ырысбек экөө жүгүрүп жүргөн. Үч баланы карап отурган Жаркынай эшик такылдаганынан улуу баласы Айбекти чыгарды:

- Ким экен карап келчи, эшикти ачпа.

- Макул, - деген Айбек чыгып кайра эле кирди, - Үч аял турат эже.

- Кимдер экен алар?

- Билбейм, - Айбек ийин куушуруп койду.

- Эжемдер дагы кечикти, ошолор келип калган го? - деп ойлонуп кайнатасынын үйүн көргүсү келбей жүрөгү зырп этип алды, ал ойлонуп отурганда эшик катуулап таркылдап кирди.

- Эже карабайсызбы? - деди Айбек.

- Үйдө эч ким жок деп айтып кой, эшикти ачпа деген деп айт макулбу?

- Ооба, - деп чыгып кетти, - Ким? - деди ичкериден.

- Замира барбы, ач-ача гой балам.

- Сиз кимсиз, атамдар чоочундарга ачпа деген болчу.

- Мен Жаркынайдын кайненеси болом, ач-ача гой.

- Жо-ок, атам урушат, - деп кайра кирип кетти.

- Эмне дейт? - Жаркынай ашыга сурады.

- Сиздин кайненеңизмин дейт го?

- Өлүп кеткир десе, эмнеге келди, бул жерден кетиш керек, болбосо келе берип жанды коюшпайт, - деп тултуңдап отуруп калды.

- Эже, эмнеге келишти алар?

- Билбейм.

- Сиз аны жаман көрөсүзбү?

- Ооба.

- Эмнеге?

- Ал жаман аял.

- Аа-а, - деп Айбек унчукпай калды. Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө бака-шака болуп кирип келишти, Зуура келиндери менен күтүп отуруп Замиралар келгенде шыпылдай учурашып, алар менен бирге кирип келди.

- Капырай уулуң киргизбей койду, Жаркынай жок беле?

- Жаркынай эжем үйдө жок, - деп Айбек озуна жооп берди, ага Жаркынай атайын үйрөтүп коюп өзү үйдүн артына отуруп алган болчу.

- Аа-а ал бир иштери менен кеткен, - деди Замира дагы кошумчалай.

- Ка-ап, биз Жаркынайды алып кетели деп келбедик беле? - Зуура шыпшына кейип калды.

- Кудагый, Жаркынай буюм эмес, каалаганда тоголото коюп, кайра керек болгондо алып кеткидей, анын жүрөгү ооруп калыптыр, эми барбайт, - деди Замира.

- Капырай, үй-бүлөө болгондон кийин уруш-талаш болот да, кой кудача антпе, күйөөсү бизди жиберди.

- Убара болупсуз, бизди башы жок деп тоготкон жоксуңар, жаш кызды бүлө кылып ала албай аз убакыттын ичинде чүнчүтүп жок кыла жаздадыңар, өзүңөрдө деле кыз бар кудагый, эмнеге өз кызыңыздай көрбөдүңүз? - деди Замира, ал ызалана ыйлап ийе жаздап буулуп барып токтоду.

- Замиш, көп сөздү коюп барбайт деп эле бир айтып кой да, - деди күйөөсү Ырысбек сөзгө аралашып.

- Эми бизден дагы кетти кудача, Жаркынай жаш, Жоомарт экөө эле өз оокаттарын жасап кетишсе болду да, - деп Зуура шыпылдай карады, анан ал абысын келинине: "Бирдеме дебейсиңби", - дегендей ымдап жатты.

- Кудача, баарыбыз эле кайненелүү жерге барып кыйынчылыкты көрүп жашап келе жатабыз, өзүңдүн деле кайненең бар, Жаркынайды эми эч ким кордоп урушпайт, биринчиси болсун эмИ, - деди Алима аста сүйлөп.

- Күйөөсү менен урушса дагы бир жөн, кайненеси ыргыта түртүп башы жарылып калыптыр, азыр доктурга көрүнүп жатат, башынан стресс алыптыр, кокус өлүп калышы мүмкүн эле, эми мен Жаркынайды жибере албайм, - деген Замира дасторкон жайып чай алып келип куюп сунуп отуруп сүйлөп жатты, - Мен сиңдимдин өмүрүнө балта чаба албайм, силерге кара жолтой болсо бизге ак жолтой эле.

- Мейли кудача, ачууңар тарай элек экен, дарыланса дарылансын, дагы келебиз, мен бүлөөмдү жөн койбойм, ачуум менен түртсө түртүп ийгендирмин, бирок ага жаман оюм жок, - деп Зуура ордунан турду да келиндерин ээрчитип чыгып кетти, анын көтөрө келген пакеттеги таттуулары босогодо калды, аны эч ким караган дагы жок.

- Эже, мен шаарга кетип калайын, бир аз акча болсо соода кылаармын, - деди алар кетээри менен үйгө кирген Жаркынай, - Эми булар келе берип тажатат, - деп ыйламсырады.

- Шаарга кетсең сени ойлонуп биз кантебиз?

- Барып иштейм, мага бир мал сатып бериңиздер, - деди Жаркынай, ага жок дей алышпайт эле, анткени анын мураска калган малын, үйүн Тоту менен Жолдош балдарына какшап айтып келишкен.

- Жаркын, андан көрө тигил үйүңө барып ичин көрүп жууп тазалап бир-эки күн ошол жакта болуп тур, алар келишсе сени шаарга кеткен деп айтабыз, - деди Замира, - Экөөбүз барып көрүп келбейлиби?

- Макул эже, - деди Жаркынай көңүлсүз. Экөө бир аздан соң ээрчише Сагынбектердин үйүнө барып эки жагын карап үйгө кирип эч нерсесин албаганын көрүштү, үй ичи толтура дүнүйө, нымдашып көгөрүп кетиптир, килем паластар дагы күн көрбөгөнгө чаң болуп сервантары желелеп кетиптир. Сандыгын ачып карашса альбомдогу сүрөттөргө толо экен Сагынбек менен Турдукан Туратты алып түшкөн сүрөттөрү көп экен. Жаркынай аны карап туруп көзүнө жаш алды:

- Ыйлабачы алтыным, үй ичин жайып коелу, карачы муну, - деп алаксытып төшөктөрүн алып чыга баштады: "Сиңдиси деле эчтекесин албаптыр да, өздөрүнө буйрубаган боюмду алгысы келбеген го, же баарын Жаркынайга калсын дегенби", - деп ойлонуп жатты Замира.

- Эже, мен бул үйдө жашасам болобу? - деди Жаркынай сыртка чыкканда.

- Жалгызбы?

- Эмне болот эле?

- Коркосуң го... _ Замира: "Жоомарт экөөңөр табышып алып жашасаңар болот?", - дегиси келип ачык айта албады.

- Эже, атамдын туулуп өскөн үйүндө болгум келет.

- Мейли, адегенде жууп тазалап, өрттөй турганын өрттөйлү ээ?

- Макул.

- Шырдактар жарабай калыптыр, күбө түшүп кетиптир, - деди Замира баарын чыгаргандан кийин, идиш аяктары бүт ордунда, баалуу идиштери дагы бар экен, кызыгы серванттын кулпуланып турган көзүнөн бир хрусталь вазанын ичинен алтын алкак менен сөйкө, шакектерди таап алышты, ал Турдукандыкы эле, Урматкан бир-эки жолу келип үйлөрүн жайып, тазалап кеткенде таппай койгон эле.

- Булар чоң энемдики болсо керек? - деди Жаркынай.

- Ошондой го...

- Буларды тагынсам болобу эже?

- Болот, эмнеге болбосун, бул үйдө эмнелер болсо баары сеники, - деди Замира мээримдүү карап.

- Ай-ий, алкагы сонун экен эже, шакектер бир аз чоңураак экен, - деп Жаркынай бир шакекти Замиранын колуна салды, - Бул сизге чак экен ээ?

- Тим кой Жаркын, булар сеники да.

- Мен сизге сый катары бердим, ансыз деле үч шакек менде турат го, бирөө гана чоңураак, экөө чак келди.

- Баса сандыктарын алып чыгалы ээ? - деп Замира үйгө кирип экөөлөп сандыктарды алып чыкты, үчөөндө тең эндей таза кыжымдар, костюм-шым, кийит-кечелер бар экен, биринин түбүндө эски чүпөрөккө оролгон нерсени ачып көрүшүп бири-бирин карап туруп калышты, ал рублдер эле, жүз сомдук, жыйырма беш сомдуктарды бөлөк-бөлөк кылып таңып коюптур, акча алмашкан кезде алар жок эле да. Анан дагы түйүнчөк таап алышты: "Келин алсам өз колум менен тагамын", - деп жүргөн Турдукандын алтын жасалгалары эле, ал колуна акча тийсе эле алтын алганга шашчу, алар ошентип отурганда Урматкан келип калды, ал эжеси өлгөндөн кийин Жаркынайга барбай калган. Кирип келип эле экөөнү көрүп саамга токтой калып анан бери басты:

- Келдиңби Жаркынай? - деп кучак жая ыйлап ийди.

- Таеже! - Экөө кучакташып көпкө туруп анан сандыктын ичиндегилерди бирден карап көрүп айтып берип жатты, ыйлап дагы жүрдү:

- Эжем байкуштун тилектери ишке ашпай калбадыбы, муну өзүнүн айлыгы тийгенде алып бир-эки эле жолу тагынды, келиндүү болсом өз колум менен тагам дечү...

- Апама эмнеге таккан жок анан?

- Ал узун жомок садага, эми сага кудай бак-таалай берсин, мен жалгыз эжем өлгөндөн кийин катуу оорудум, кайгыны көтөрө албай өлүп тирилдим, эми кудайга шүгүр, - деди Урматкан оор үшкүрүнө.

- Бул үйгө мен жалгыз жашасам болобу? - деди Жаркынай, - Мен атам туулуп өскөн үйүндө жашагым келет таеже.

- Өзүң бил садага.

- Коркосуң, карап турабыз, кийин келип жашайсың, - деди Замира, кечке чейин Урматкан эжеси менен жездесинин кийимдерин өрттөп анан керектүүлөрүн албай кайра салып койду:

- Булар кереги тийет, таза сакталган илгерки костюм-шымдар экен, мен эчтекесин алганым жок, эжемдин өздөрүнө буйрубаган буюм кимге оопа болоор дейсиң, эртедир кечтир сенин келээриңди билгенмин, алдагыларды жерге таштабай, бирөөгө сатпай өзүң урун кызым, мен аларды көргөн сайын кейип ыйлай беремин, алтынга аябай жакын эле, мен дагы кырк жашка чыкканда алтын алкак, сөйкө шакеги менен белек кылганмын, дагы карап көргүлө, бир жерге каткан чыгар, - деди көз жашын сүртө.

- Үчүнчү сандык ачыла элек, - деди Жаркынай.

- Эмнеге ачпадыңар аны?

- Кулпусу бекем экен, бузгандан...

- Келе ачалы, - деп Урматкан сандыктын кулпусун ыргыта чаап ачты эле анын ичинде дагы чапан чапкыт, кыжым атластар толтура экен, баарын жайып анан эң түбүнөн түйүнчөк таап чыгышты, аны ачып көрүп эле, - Мына, буларды мен белек кылганмын, а буларды өзү катып жүргөн экен да, алтынды тагынганды жакшы көрчү эле, - деп кайрадан бышактап кирди. Ал күнү кечке чейин үй жайып, кечинде үйүнө келишти, алар келсе Жоомарт күтүп туруптур.

- Жаркын, мени кечир, экинчи апамды сага сүйлөтпөйм, - деди көрүп эле жанына келип.

- Жоомарт, мен аябай чарчадым, сен менен сүйлөшчү сөзүм жок.

- Койчу Жаркын, мен сенсиз жашай албайм.

- А мен сени сүйбөйм, ала качып барып алганыңдан арга жок отуруп калганмын, ошол бойдон жашап калмакмын апаң болбогондо, эми мен сенин үйүңдү кайрылып көргүм келбейт! - деп кирип кетмек болгондо аларды карап турган Замира басып келди.

- Жоомарт, жөн эле кыйнай бербе, ачуусу тарасын, азырынча келбей кое тур, апаң жетим деп тоготпогону менен менин ата-энем муну жетимдей өстүргөн эмес, биздин бир тууганыбыз, - деди токтоо.

- Эже, мен Жаркындан ажырагым келбейт.

- Мейли, аны кийин көрөбүз, биз келин алганга даярданып колубуз бошобой жатат, чарчадык бара бер азыр, - деди да кирип кетти. Ошентип алар келинди алышты, Талгат Азизага үйлөндү, той өткөрүшкөн соң эки күн өткөндө Жаркынай чакыртып алып Жоомарт кайра алып качып кетти.

- Эмнеге мындай кыласың, мен бул жерге бир күн дагы тура албайм, баары бир кетем, - деп ыйлап жатты ал.

- Жаркын, сага эч ким сүйлөбөйт, мен жаныңда болом.

- Андай болсо бөлүнүп жашайбыз.

- Каякка барабыз десең мен макулмун.

- Шаарга кетебиз.

- Аякта кантип жашайбыз, үйүбүз жок болсо...

- Анда менин өз үйүм бар ошого кетебиз.

- Каякта?

- Ушул эле айылда.

- Кимдин үйү дейсиң? - деди Жоомарт кайра сурап.

- Менин атамдан калган.

- Макул, мен атамдарга айтып көрөйүн.

- көрбөй эле айт, болбосо кетем, - деп Жаркынай көгөрүп туруп алды, Жоомарт бөлүнөм дегенде атасы чоочуп кетти.

- Ой бала, ойлонуп айтып турасыңбы?

- Жаркынай бөлүнбөсөң кетем деп жатат.

- Ай балам ай, кайдагы бир немени алып келип өзүңдү да, бизди да кыйнадың, кайдагы үйгө барасыңар? - деди Зуура.

- Жаркындын ата-энесинен калган үй бар экен.

- Кайда экен ал?

- Ушул айылда, айыл өкмөтү жакта экен.

- Көрдүң беле деги?

- Жок, барсак көрөм да, - деп шылкыйды Жоомарт. Аларды эки күндөн кийин көчүрүп келишти, бир шырдак, ала кийиз берди Зуура.

- Калганын эжеси берет, себин деле бере элек, - деди кыйыта сүйлөп, абысыны менен агасы кошо келип үйдү көрүп кызыга карашты, үй чынында абдан жакшы салынган, темир дарбаза чанда болчу анда, үйгө киришип тирелген жүктү, төшөктөр менен эмеректерди көрүп абысыны Гүлсүн ичинен: "Баары даяр экен да, азыркы мебелдерге караганда булар сапаттуу болот, жашоосу бул болсо кантип кайненеме көз каранды болмок эле, жетимдин ата-энесинен калган буюму болсо дагы жакшы тура", - деп ойлонуп алды. Акмат экөө бөлүнүп жашап жатканы менен мынча дүнүйөсү жок эле, Жаркынай жаркылдап дасторкон жайып чай алып келди, өздөрү алып келген бир таңылчак сыртта турат. Акмат сыртта алма багын карап жүрүп көрдү. Кышкы алмалар алда качан шагы ийиле түйүлүптүр, мал короосу бүт жакшы салынган экен, анан үйгө кирип чай ичип отурганда:

- Бул үй өзү кимге караштуу эле? - деди Жаркынай.

- Чоң атамдыкы, мага мал-салы менен мураска калтырыптыр.

- Документти кимде?

- Менде, чоң атамдын кол жазмасы менен кайсыл күнү өткөрүп алсам да болот, - деди Жаркынай эчтеке жашырбай.

- Канча мал? - деп сурады Жоомарт.

- Бир топ эле, таежемдер багып жатат.

- Демек сенин пайдаңды көрүп жатышкан экен да, - деди Акмат.

- Ал эмнеңиз аке, мени багып өстүрүштү, кайра малымды өстүрүп багып жатат, кааласам сатам, - деп мактангыдай болду Жаркынай. Алар унчукпай калышты, мунун баарын уккан Зуура эртеси эле келип калды, Жаркынай Талгаттыкына барып эт-аш алып келип тамак жасап жаткан, Замира болсо инисин үйлөнтүп баардык салтын жасап, тоюн өткөргөндөн кийин өзүнүн үйүнө кеткен, булардын үйүнө көчүп келип жашаганына эки жыл өтүп кеткен.

- Жакшы айланайын, - деди Зуура эки жакты карап көрүп, - Ушунун баары сага карайбы?

- Ооба.

- Шүгүр, бөрүдөй жашайт экенсиңер да, тиги-ил эмне эле, баса балам малың болсо таекеңди кыйнабай үйгө алып барып кошуп койгула да, - деди келинин эмне дээр экен деп.

- Жо-ок, тагам мал баккандан кыйналбайт деле.

- Ошентсе дагы-ы башы канчага жетет?

- Жыйырмадай кой бар, эки уй, бир жылкы бар.

- Жакшы-жакшы, - Зуура: "Демек мунун алдап-соолап малын үйгө алыш керек, тагасы эле убайын көрө береби, Жоомартка айтайын, анын кеп-сөзүн угат, антпесе бул бербейт, бизде болгону беш-алты кой-козу бар, жалгыз уюбуздан бөлөк эчтеке жок, заңгыраган гүл бактуу үйүн карачы, кой муну алдайын", - деп ойлонуп тамак ичкенче жаны жай албай жатты. Ошентип Жаркынайдын өзүнө тиешелүү мал-мүлкү, үй-жайы бар экенин көргөн Зуура ага кошомат кыла баштады. Аны абысындары өрлүктөп келип, коңшулары кирип-чыгып жатканда Замира Ырысбек экөө келип калды.

- Келип алыпсың Жаркын, бул жерде сеин ата-бабаң жашаган, куран окутуп кой, андан кийин дагы тамак жасап куран окутуп, шам жагып тур, - деди улуулугун кылып, - Сен аларды көргөн жоксуң, урунган буюмдарың пайдаланасың, жакшылап таза урун.

- Макул эже.

- Эртең Талгатты бир кой алып кел дедим, куран окутуп коелу.

- Мейли.

- Өсүп өнгөнүңө жакшы, арбак ыраазы болсун, - деп кетти, эртеси эле Талгат аялы менен Замира күйөөсү менен бир кой алып келип эл чакырып куран окутушту. Коңшулары алкап жатышты:

- Кыз бала эмес бекен, байкуш Сагынбек экинин бири эле, Турдукан дагы жакшы аял болчу, тигил дүйнөсүн берсин бечаралардын, - деди орто жашаган аял, Салкын карып калган, Жаркынайды кучактап алып ыйлап басылды. Ошентип алар ынтымактуу жашап калышты, бир күнү Жоомарт келинчегин кучактап отуруп:

- Жакин, биздин короо деле кенен, өзүбүзчө жашап жатабыз, эми мал-салды биерге алып келип бакпайлыбы, - деди.

- Жоомарт, азыр кереги жок, ал үчүн чөп керек, аны сатып алуу керек, мал багуу оңой бекен?

- Мен бош отурам го, кирип-чыгып бакпаганда эмне кылам, эшиктин алдында малың болсо жакшы эмеспи, Талгат деле аргасыз багып жүргөндүр, а балким коротуп койсочу?

- Жоомарт, экинчи малды кеп кылба, керек болсо ала коебуз.

- Ошо кантип болсун, өзүңдүкүн өзүң алганың жакшы го?

- Кой Жоомарт, мени антип кыйнаба, малды алып келбейм, - деп ары карап жатып алды.

- Жок дегенде уйларыңды албайсыңбы, сүт, айран ичебиз да.

- Болду, көп сүйлөбөй укта.

- Ушу сен калп айткансың го?

- Ооба, калп айтканмын, - деп жини келип андан кийин уктамыш болуп сүйлөбөй жатып алды. Эртеси Замиранын үйүнө барды, ага кеңешмек болгон, бирок аны айттырбай эле өзү сөз баштады.

- Жаркын, Жоомарт экөөңөр жакшы эле жашап калдыңарбы?

- Ооба эже, жакшы эле го.

- Эмесе мен сени менен кеңешейин дедим эле.

- Эмнени эже?

- Малыңды алып өзүңөр баккыла, Талгаттын аялы дагы жөнүрөк болуп калыптыр, - деди ачык айта албай.

- Бирдеме дедиби эже?

- Ооба, өзү баксын дептир.

- Мм, - деп Жаркынай ойлонуп калды, - Талгат акем айттыбы?

- Ооба, сага айта албай мага келиптир.

- Макул эже, Жоомарт экөөбүз баралы анда.

- Ошент, күн жылууда чөп-чарды даярдап алгыла.

- Мейли, - деп Жаркынай үйүнө келди, аны уккан Жоомарт аябай кубанды, кечинде он жети кой менен эки музоолуу уй, бир бээ менен жабагыны

бөлүп берди Талгат. Ал малды көргөндө Жоомарттын иштегиси келбей да калды, күзгү убагы эле, жандуунун баары жарышып эгин жыйнап, чөп жыйып жаткан эле, Жоомарт дагы бир телешка чөп алып келди дагы минтти?:

- Жакин, тигил жабагыны сатып чөп алып койбойлубу?

- Эмнеге, бул чөп жетпейби?

- Кыш кайда, ушунча малга жетпей калат.

- Бир-эки кой эле сатпайлыбы?

- Мейли анда, бир койду союп алсакпы деп жаттым эле, - деп Жоомарт оңой олжого туйтуна отуруп калды. Алар жашап калышты, бирок Жаркынайдын боюна болбой жатты, анын жаштыгын ойлоп унчукпады Жоомарт, он сегизге зорго чыккан эле. Баарынан кызыгы уюнун сүтүн сааганда эле ата-энесиникине алып жөнөйт, кой союп башы менен жарым этип алып кетет, Жаркынайдын буга жини келди.

- Жоомарт, кой сой, кой сой дей бересиң да, минтип отурсак бир эле жылда түгөтөбүз го?

- Колдо туруп ачка отурмак белек?

- Ачка болбодуң го, алмаларды өткөрсөк көздө дагы мал аламын, сен эми сойгонуңду токтот, - деди кабагын чытып.

- Эмне биз эрди-катын эмеспизби, сеники-меники деп бөлгөнүң болбойт, - деп үңүрөңдөдү Жоомарт.

- Мен аны айтпадым, оокат аш жетиштүү, эки үйгө жетип жатат го? - деди кыжыры келе Жаркынай.

- Ошолорго бергениңди көп көрүп жатасыңбы?

- Мен бергеним жок, мурда кантип жашап жүрүштү эле, жашасын ошентип.

- Болуптур, анда мен дагы кетемин.

- Эмнеге?

- Ата-энемди жактырбасаң, же төрөп бербесең, жөн эле жүрө беремби?

- Анда өзүң бил, боюма болбосо сага мен кантип төрөп бермек элем, башым дагы оорубайт, - деди Жаркынай жиндене, - Мен шаарга кетем, үйдү малды бүт сатып шаарга кетемин!

- Эмнеге?

- Үйдө жалгыз калмак белем, бар кете бер!

- Жакин капаланбачы эми, жөн эле айтып койдум, - Жоомарт күлүп Жаркынайды кучактады, - Сенден ажырабай калайын.

- Кетем десең жолуң ана, мени менен ойнобо, - деди ого бетер катуулап.

- Койчу эми, антип ачууланба, сени эч жакка кетирбейм, - деп болбой эле кучактап жалынып жалбарып жатты: "Сенин кеткениң жакшы эле, эмнеге оюмдагыны айтып койдум", - деп ойлонуп калды Жаркынай. Аңгыча кыш келип ызгаардуу суук өз өкүмүн жүргүзүп жатты, жер кара күн суук болуп турганда Жоомарт агасы менен сүйлөшүп дарбазаны ачык коюп жабагыны уурдатып кетти, аны Акмат досуна сүйлөшүп кыштоого алып барып таштады.

- Жакин, жабагы жок!

- Каякка кетиптир?

- Билбейм, бирөө уурдаган го?

- Милицияга баралы анда.

- Макул, - деп ичинен тынып тим болду, ошону менен эле токтоп калбады Зуура бир күнү келиптир, капаланып кейип алган.

- Ээ Жакин, эмне кылып жатасың айланайын?

- Келиңиз, - деп мисирейген Жаркынай ичкери киргизди: "Эми мен силерге Жакин болуп калган экенмин да, бир кезде кара жолтой, жетим кызалак элем го", - деп улутуна артынан кирди.

- Жоомарт кайда кеткен?

- Мал карап жүрөт.

- Мен сага келдим, союш керек балам, өз балдарымда турса кимге барайын, тиги эжеңдер келгени жатыптыр, атаң сексенге чыгат эмеспи, ошого сүйлөшөлү, маараке той өткөргөнгө деп айтып ийиптир, балдары менен келсе комсунуп калат го, бир кой союп бербесек, - деп келинин сынай карады.

- Апа, койлор бүт бооз деген Талгат акем.

- Капырай токту-сокту жок беле?

- Эркек койлорду союп койдук го, үчөө союлуп кетти.

- Кеч бооз болсо эчтеке болбойт, эттүүдөй көрдүм эле, - деп чыртыя түштү Зуура.

- Жок желин салып койду, кышта тууйт го?

- Мейли анда, карызгалап алаарбыз, - деп кетип жатып: "Мисирейген өлүгүңдү көрөйүн десе, дегеле мостоюп турганын кара", - деп ойлонуп бара жатты, бирок ошол түнү дагы килейген токтусу жоголду, Жаркынай бир нерседен шек алып калды: "Соо эмес, жабагыны деле Жоомарт уурдаган экен", - деп ойлонуп эртеси Талгатка барып айтты эле ал кыштоолорду кыдырып жүрүп өзү багып жүргөн малды алыстан эле тааныды да айдап алып келе жатканда Жолой деген киши анын артынан чаап келди:

- Жигит кайда айдап бара жатасың?

- Өз малымды кайда айдаарымды өзүм билем да досум.

- Кандайча, меники бул.

- Энин өзүм салганмын, энеси короодо турат, же милицияга барайынбы? - деп жылмайды, - Тынч кутулганыңа сүйүн дос.

- Муну менин досум алып келип берген, жазга чейин багып бер деп.

- Досуң ким?

- Акмат деген, бул өрөөндү бүт тааныбасаң керек?

- Жоомарттын агасыбы?

- Ооба, аны тааныйсыңбы?

- Эң сонун тааныйм, сенин атың ким?

- Менин атым Уланбек, Акмат экөөбүз доспуз.

- Жакшы экен, эмесе эртең милициядан жолугабыз, - деди да Талгат атын темине жабагыны айдап кете берди.

- Ээй, ээй эмнеге? - деген Уланбек кала берди, ал ошол эле күнү кыштоодон түшүп күүгүм кире Акматтын үйүндө отурду.

- Кел досум, ал-акыбалдар кандай? - Акмат чай койгон соң ага кайрылды.

- Келдим, сенин жабагыңды ээси алып кетти.

- Эмне, ким алып кетет? - Акматтын жүзү өзгөрүлө түштү.

- Ал Жоомарттын кайнагасы экен, досум туудуруп тумшугун сыдырган адам өз малын тааныбай койбойт, уялып калдым, эртең милицияга бара турган болду, мен билбегенимди айтам, өзүң жооп бересиң, - деп Уланбек кайра кетти, Акмат эмне кылаарын билбей Жоомарттыкына жөнөдү: "Кантип айтам, Жоомарт эптеп бир амалын табаар, уят болдук, эл укса эмне дешет, ошол үчүн Жаркынай ажырашам дебесе болду", - деп ойлонуп дарбазасынын жанында көпкө турду да такылдатты.

- Ким? - деди бир топто араң жоомарттын үнү чыкты.

- Мен эле Жоомарт, бери бас.

- Караңгыда эмне болду? - деп эшигин ачты Жоомарт.

- Ит болдук, Талгат бүгүн жабагыны кыштоодон таанып айдап келиптир, биерге алып келген жокпу?

- Ким айтты?

- Уланбек келип айтты.

- Эми эмне кылабыз? - Жоомарттын айласы кете аркы-терки басып жатканда Жаркынай үйдөн чыкты:

- Жоомарт, кайда кеттиң Жоомарт?

- Азыр, мен азыр Жаркын.

- Ким экен ал?

- Жөн эле...

- Эрте кир, - деп каалганы жапканы угулду.

- Жоомарт, андан көрө Жаркынайга айтпайлыбы?

- Болбойт аке, андан көрө...

- Анда кандай кылсак, милицияга жетсе уятыбыз чыгат го?

- Жаркын билсе менден ажырашат, эптеп бирдеме кылуу керек.

- Башым катты, Талгаттын өзүнө барсакчы?

- Жо-ок аке, ал дагы болбойт.

- Анда эмне кыл дейсиң? - Ага-ини ары кетип, бери кетип жатып акыры билмексен болуп эртеңки күндү күтмөк болушту. Акмат кеткен соң Жоомарт үйгө кирди:

- Ким экен, мынча эмнени сүйлөштүңөр?

- Акем келиптир, жабагыны Талгат акем таап келген тура.

- Кайдан билиптир аны?

- Көрсө керек.

- Мейли укта, - деп кенебей жатып калды Жаркынай.

- Сен эмнеге жабагыны тапканга кубанбадың?

- Жоголгондо деле кайгырган эмесмин, анткени табылаарын билгем.

- Кантип? - деп жоомарт таңгала карады.

- Анткени ууру алыстан келбегенин билем да.

- Ким деп ойлойсуң, күмөнүң барбы?

- Бар болчу, көрөбүз да, уктачы башты оорутпай, - деп ары карап кетти, Жоомарт унчукпай жатып калды: "Демек бул билет экен да, эми ажырашам дейт го, жөн жүрө бербей эмнеге азгырылдым", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, эртеси эртелеп Талгат келди, Жоомарт учурашып коюп сыртка чыгып кетти, Жаркынай тагасына карап:

- Эмне болду аке? - деди.

- Жабагыңарды алып келдим.

- Билгем.

- Эмне кылайын?

- Тим коюңуз, уяты болсо эми тим жүрөөр.

- Мейли, сен айткандай болсун.

- Чай ичиңиз, - деп Жаркынай дасторкон жайып тамак алып келе калды, Жоомарт сырттан кире албай көпкө жүрдү, качан гана Жаркынай чакырганда гана кирди.

- Жоомарт, - деди Талгат, - Жабагыны кыштоого бирөө айдап барып коюптур, чөпкө сеп болсун деген го? - деди эле Жоомарт кызара сүйлөй албай калды, - Же короосунан жаңылып калып чечип кеткенби?

- Мм, ки-ким билет? - дегенге араң жарады, аны чынын айтып кечирим сурайт го деп күтүштү, бирок ал анте алган жок.

- Мейли, ким кара санаса дагы жазасын кудай берсин, мен барайын, - деп Талгат ордунан туруп эшикке чыгып жөнөдү, Жоомарт шылкыя узатып коюп кайра кирди.

- Жаркын,мени кечир, ит болдум жаным, мени кечир! - деди кирип келип эле башын жерге салып, - Мен жөн эле ойлонбой иш кылып койдум, кечир мени.

- Ишти кылаарда ойлонуп иш кылуу керек, сен өз тамагыңды уурдап жатасың, - деди ойлуу ага.

- Эмне сен билчү белең?

- Билгем, сен моюнуна алаар деп жүргөм.

- Кечир жаным, урсаң уруп алчы азыр, сен туура айттың өз ырыскымды өзүм уурдадым, мени кечир, - деп Жаркынайга жалдырай карады.

- Эгерде мен арам ойлоп жамандык кааласам сени каматып салмакмын, кечирбегенде кантем, сен менин күйөөм өмүрлүк жолдошумсуң.

- Рахмат алтыным, өмүр бою кулуң болууга даярмын, - деп өпкүлөп жатты Жоомарт. Талгат менен Замира кеңешип Жоомарттан Жаркынайды ажыратып алмак болду, чогулуп Азиза менен Ырысбекти ээрчитип төртөө алардын үйүнө келишкенде Жоомарт чыгып кетип ата-энесине барып чакырып келди, күнөөсүн билип туруп алардын келгенинен улам эле сезген.

- Жоомарт, - деди Замира ага кайрылып, - Жаркынайды сага ишенип кое албайбыз, минтип отурсаң сен бир күнү өлтүрүп койсоң кантебиз?

- Эже, кантип эле ошого бармак элем?

- Өз эшигиңдеги малды уурдап отурсаң сенден баарын күтүүгө болот.

- Ал үчүн кечирим сурайм...

- Ботом тынч жашап жатканда эмне болду? - деп кирип келди Зуура.

- Уулуңуздан сураңыз, - деди Жаркынай, - Мени жардамсыз талаада калган адамдай көрөсүңөр, менин коргоочуларым бар, мени кордотуп койбойт.

- Капырай эмне күнөөң бар? - деди Зуура баласын карап, алар билген эмес, - Кана айтчы, эмнени бүлдүрүп жибердиң?

- Апа, мен... жоголгон жабагыны мен уурдагам.

- Эмне дейт, качан кантип уурдадың эле?

- Көп сөздү коюп тезирээк чечели, эгерде ажырашпайм деп моюн толгосоң милицияга арыз жазабыз, күбөбүз бар, Акмат кошо кармалат, - деди Талгат, - Сен бул арызга кол коесуң же камаласың.

- Аке, кечирип коюңуз, экинчи андай болбойт, кечиргиле мени.

- Болбойт, жыйырмага чыга элек жаш кызды сага ишенип таштай албайбыз, тезирээк бол! - деди Замира.

- Балдар, сабыр кылгыла, - деди Садык, - Иттик кылдыңбы эми жазасын өзүң тарт, арызга колуңду кой дагы үйгө жүрү, эми кайсы жүзүң менен биерде калмак элең? - деди да чыгып кетти. Жоомарт аргасыз ажырашуу кагазына кол койду да чыгып кетип бара жатып:

- Жаркын, мен сенден башкага баары бир үйлөнбөйм, кайда болсоң дагы таап алам, - деди.

- Сен антип коркутпачы, анте турган болсоң, сен гана күнөөлүү болосуң, - деп Замира жини келе айтып кала берди. Жаркынай ажырашууга арызын таштап, малын кайра сатканын сатып, үйүн сатыкка коюп өзү Талгаттын үйүнө кетип калды. Көп өтпөй эле үйү сатылып кетти, андан кийин ажырашып болгондон соң акчасын алып шаарга кете берди. Бишкекке келип соодага киришти, акчасына акча кошулуп эки-үч жерден орун алды, сатуучуларды коюп өзү баардык шарты бар үйгө батирге жашап жүрүп бир Алтынай деген келин менен жакшы мамиледе болуп жүргөндө ал бир күнү тагасынын үйүнө ээрчитип барып ал жерден Нуралы менен таанышып калды. Ал Жаркынайды катуу сүйүп калды, жогорку кызматта иштеген жашы кырктардагы адам аны сугалактана карап дарегин алды. Эч нерседен капары жок Жаркынай жыйырмага толуп, толукшуп турган кези, өңдүү-түстүү, балтыркандай солкулдаган келинди сүйүп калып үй-бүлөөсүн да таштай албай кыйналып жүрүп бир күнү ага телефон чалды. Үйдө жалгыз телевизор көрүп отурган Жаркынай телефонду алды:

- Ало, бул ким экен? - деди назик үнү менен ары жактан коңур үн угулду.

- Жаркынай, ал-акыбал кандай? - Сылык үн чыгарып.

- Жакшы, ким экен?

- Мен Нуралы, сени менен жолугушсам дедим эле.

- Кандай иш менен...

- Биз тааныш гана болобуз, жакындан бири-бирибизди таанысак кандай болот, мүмкүн болсо ресторандан жолуксак мүмкүнбү?

- Убактым жок...

- Келиштик, мен сени күтөм, - деп трубканы коюп койду, Жаркынай жаш болсо дагы турмуш көрүп, жаман-жакшыны көрүп калганга түшүндү да болжогон убакытта айткан ресторанга такси менен келди, аны Нуралы ичкериде күтүп турган экен.

- Кел Жаркынай, кел, - деп ордунан тура калды.

- Саламатсызбы?

- Саламат, кел Жаркын, көргөнүмө кубанычтамын, - деп өзүнүн абройлуу кызматта экенин унутуп чымчыктай кыздын алдында чарк айланды.

- Мен дагы, иштериңиз кандай?

- Баары ойдогудай, кел тамакка караңыз сулуу.

- Сиз баштаңыз, ала бериңиз.

- Рахмат, - Экөө көпкө тамактанышты, бир кезде койкойгон кызыл шарап келди, - Кел сулуу кыз мындан аздап алып коелу.

- Мен ичип көргөн эмесмин.

- Даамдап көр, көп кыстабайм, - Нуралы буга чейин далай кыздарды капканга түшүргөн кыйды кыялын кармата жасакерленип кирди, - Келиңиз эми.

- Алып көргөн эмес элем, сиз үчүн ооз тийип көрөйүн, - Жаркынай наздуу жылмая көзүн сүзүлө карады.

- Рахмат сулуум, кызыл шараптын аппак кекиртегиңден өтүп жатканын көргүм келет, - деп күлүп калды.

- Мен көргөзбөй өткөрөм, - Жаркынай дагы күлүп койду, анын күлкүсүнөн үстөлдө турган рюмкалар дагы шыңгыр этип кеткендей болду. Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушту, улам кызды карап коет:

- Жаркын, бир аз таза абага сергип келели.

- Жарайт, бирок көп эмес, иштерим бар.

- Макул-макул сиз каалагандай болсун, - деп күлө унаасына отурду, Жаркынай ичкенге бир аз кызуу күлкүсү салонго толуп Нуралы сүйлөгөн сайын шыңкылдап жатты. Ээн жерге баргандан кийин шаркыраган суу боюнда отурушту, ала келген тамактары менен шараптан ичип отуруп Нуралы кызды кучактап өөп калды.

- Сиз мага өтө эле жакындап кеттиңиз.

- Мындан дагы жакын болгум келет.

- Бирок сиз ойлогондой мен таза эмесмин, - деди Жаркынай чечкиндүү карап, өзү дагы бетке айткан мүнөзү бар.

- Ыя?! - Нуралы чындап эле кызыктай болуп кетти, ал аны күйөөгө чыга элек таза, аруу кыз деп ойлоп турган, - Кандайча?

- Мен турмушка чыкканмын, - Жаркынай баарын айтып берди, - Мен жаш туруп турмуштун запкысын көрдүм, ата-энемдин жүзүн көрбөдүм, бирок таята-таенем мени көзүнүн карегиндей асырап чоңойтту, чыр эткен үнү чыкса жүгүрүп чыгып, мен үчүн башкалар менен урушуп, көзүмдү карашчу, бирок мага тагдыр сыртын салып төрөлөөрүм менен жетим калганым ащ келгенсип турмуш жолум катуу болду, ошондуктан эркекке ишеничим өлгөн, жүрөгүм адам деген макулукту гана сезет, чымчыктай чырылдаган бир бечара кыздын ансыз дагы жараланган жүрөгүнө сыйрып туз куйган соң кимге ишенмек элем, кош болуңуз! - деп ордунан туруп келген жагын көздөй жөнөдү:

- Токто! - деген Нуралынын үнү аны селт эттирди, чымчыктыкындай жүрөгү болк этти, селдээ туруп калды, ал буга чейин алай жолу кыздарды өлтүрүп кеткендерин укканга коркуп кетти: "Эмнеден жаздым буга, ачуусуна тийгидей не деп койдум, оо кудай сактай гөр, ким көрдү кылып койсо да буга баары бир эмеспи, менин өлүмүм бул үчүн бир тебелеп кеткен кумурскача сезилбейт да", - деп ары карап турган бойдон катып калганда артынан куду желкесинен Нуралынын үнү угулду, - Баары ошону менен эле бүтүп калбайт Жаркын, бери карачы.

- Жакшы сөзүңүз үчүн рахмат, мен кете берейин.

- Жо-ок, сен эч кайда кетпейсиң, - деп өзүнө каратты, - Кана-кана күлүп койчу эми?

- Кечиресиз, - деп Жаркынай көз жашын сүртө жылмайганга аракет кылды, - Мени сиз түшүндүңүзбү?

- Албетте, эмнеге түшүнбөйм, бул турмушта баары болот, адамдарда зулумдук, ач көздүк менен бирге боорукерлик, кайрымдуулук дагы бар Жаркын, ошону менен эле бүтүп калбайт, жашоо улана берет, ишен мага.

- Рахмат, мени жубатканыңызга, убактыңызды алган жокмунбу? - деди кеткиси келип.

- Сен үчүн убактымдын корогону эч кеп эмес, башкысы сенин көңүлүң чөкпөсө болду, - Нуралы кызды далыдан ала унаасын көздөй алып бара жатты, - Сен күлгөндө барбы жөн эле күн күлүп тургандай сезилет, анан дагы сени көргөндөн бери менин тынчым кетип түн уйкум бузулду, өзүмдүн кайда жүргөнүмдү агы билбей калчу болдум.

- Неге ошончолук...

- Билбейм, өзүм дагы түшүнбөйм, болгону көз алдымдан сенин элесиң кетпей туруп алат, - деди анын көздөрүнө тигиле, - Сүйүп калдым десем аша чапкандык болоор... Ай иттики десе, - Нуралы башын эки колдой кармап тегеренип кетти, анан кайра бери бурулуп. - Чынында сен күчтүү экенсиң Жаркын, мен өзүмдү сенин алдыңда бир бечарадай сезип калып жата, - деди каткыра.

- Чынбы? - деди Жаркынай көздөрүн күлмүңдөтө, ал жанагы буулуккан ички жарасынын оозу бүтүп калгандай жайдары боло түштү.

- Ооба, чын айтамын, жүрү тоту кушум, жолго чыгалы, сенин кардың ачты го, чымчыктыкындай бөтөгөңө бир аз жем таштайлы.

- Жо-ок, мунуңуз жакпайт, - Жаркынай тултуя таарына кетти, - Мени эмнеге андай дейсиз?

- Койдум-койдум, менин кардым карышкырдай ач, - Экөө тең күлүп калышты, ошентип алар унаага түшүп кетип бара жатышты, Жаркынайдын жүзүндө сары санаа убайым турду, көкүрөгүн ээлеген бук сыртка чыга албай телмире кетип жатканда Нуралы аны бир карап алып, - Жаркын, кабагың бүркөлүп калды да? - деди бир ага, бир жолго карап.

- Эч нерсе, кеч болуп калды, жумуштарым бар эле...

- Жолугушууң жок беле деги? - деди Нуралы кызгангандай.

- Жо-ок, бизнесим бар.

- Кайда?

- Дордойдо, кечкисин бир жолугушум керек.

- Жакшы экен.

- Жакында машина алсамбы дегенмин.

- Эң сонун, адегенде права алууң керек го?

- Ооба, үйрөнүү үчүн окуум да керек, - Күлүп койду.

- Мектеп өзүм болуп берем, - Нуралы сырдуу карады.

- Кантип?

- Өзүм үйрөтсөм болобу?

- Аа-а, эмнеге болбосун, албетте каршы эмесмин.

- Анда мен баарын сүйлөшүп коем, - Алар Бишкектеги белгилүү, жалаң чоңдор, чиновниктер келчү ресторанга келишти, - Бирдеме шам-шум этип алалы ээ?

- Жарайт, бул жолкусун өзүм төлөйм.

- Ошо кантип болсун, мен ага жол бербейм.

- Мен уялып калам го?

- Эмнеге, андай болбойт, сен бүгүн менин коногумсуң да, - Ээрчише ресторанга киришти, Нуралы кызды колдон алып алган, - Отур эркетай.

- Рахмат.

- Кана эмнеден жесек?

- Сизге жакканын.

- Жо-ок сага жакканын, - Экөө ошентип отурганда официант жигит менюну алып келип алдыга койду, буйрутма беришкен соң кайрадан сүйлөшүп отурушту, алар чыкканда кеч күүгүм болуп калган, ал күнү Нуралы аны жашаган үйүнө жеткирип сылык коштошуп кете берди: "Та-ак, ансыз дагы жүрөгү жаралуу немени чоочутканым болбос, мен ага үй сатып берип өзүмө байлашым керек, өзүм аны сүйүп калдым, бирок бир жан аны билбеши керек", - деп ойлонуп кетип жатты. Ошондон баштап анын эси дарты Жаркынайда, бир аз бош боло калса эле телефон чалып жолугушат, аны дайындап машина айдаганды үйрөтүп права алган күнү аппак "тико"ну белек кылды. Жаркынай чынында таңгалды, жанына отуруп унаалар аз жүргөн көчөлөрдө айдатып көндүрүп жатты. Көп өтпөй бир бөлмөлүү үйгө көчүрдү, анын оюн сезип калган Жаркынай минтти:

- Бекер убара болуп жатасыз, баарын кайтарып алыңыз, сиздин үй-бүлөөңүз турса мен кантип...

- Жаркын, андай дебе, мен сенден керек болсо жанымды да аябайм.

- Үй-бүлөөңүз турса бир алсыз аялды шылдың кылгыңыз барбы?

- Шылдың кылганым жок, жан дилим менен жакшы көрөм сени, сүйөмүн Жаркынай, ушул жашка келип бир дагы аялдын алдында өзүмдү мынчалык бечара сезген эмесмин, сен менин экинчи түгөйүм бол суранам!

- Токолум бол дегениңиз го?

- Андай ойлобо, сенин гана жаныңда болгум келет, - деп жалдырап жатты, Жаркынай бул турмуштун дагы бир сыноосуна кабылганын сезди, бирок анын бул турушуна кайдыгер карай албады, аргасыз макул болду, аялдык жумшактыгы, мээримдүүлүгү менен ак көңүлдүгү анан дагы жаштыгы жеңип кетти. Ошентип Нуралы менен бирге жашап калды, арадан бир жарым жыл өткөндө боюнда бар экенин билди да айылга барып эжесине жолугуп сыр бөлүшкүсү келди: "Эгерде кеч барсам ичим билинип калат, ушундайда барып келейин", - деп чечти, ал баласын алдырууну ойлогон жок, тек эне болгусу келди, энелик мээримин кан жанынан бүткөн баласына арнагысы келди, ошентип ал унаасын айдап алып айылды көздөй жөнөдү, бул эки миң экинчи жыл эле...

Жаркынай адегенде эле Талгаттыкына келди, белек-бечкегин, тагасына арнап алган кымбат баалуу кийим-кечени, Азизага деп алган көйнөк жоолугу менен халатын берип кубанычтуу отурду.

- Өзгөрүп кетипсиң, акыбалың жаман эмес, - деди Талгат жээнине жылмая карап, экөөнүн ортосу болгону үч жаш эле.

- Баары жакшы, силерди аябай сагындым, айылды сагындым, үч жыл мен үчүн үч миң жылга тете болду.

- Толуп бара жаткансың го? - деди Азиза күлүп, - Толгон сага жарашат экен, - деди баласын алып отуруп.

- Ошондойбу, өзүмө билинбейт деле, - Жаркынай ойлоно түштү, - Эжем кандай жүрөт, балдары чоңоюп жатабы?

- Жакшы эле, сени ойлонуп жүрөт, кайдан табабыз, - деп жүргөн, - деди Талгат күлө.

- Эмне бармак беле?

- Ооба, издемек болгон.

- Убара болмок экен, анда мен аларга жөнөйүн, - деп сыртка чыкты, ал унаасына тага-таажеңесин салып алып Замираныкын көздөй жөнөштү, ошол убакта Жаркынайдын келгенин көргөн бирөө Жоомартка жеткирди, ал Жаркынай кетип калгандан кийин ичип кеткен, кайда болсо өзүнө теңдер табылат эмеспи, таң эртең менен үйдөн чыгып кетип түндөсү келип жатып алат, ата-энеси канчалык айтса дагы укпады. Жоомарт "достору" менен ичип отурган, ала-гүү болчу:

- Жоомарт, аялың келиптир, - деди Кубат дегени.

- Эмне, кайсы аялым? - Жоомарт түшүнбөй ага бурулду.

- Эй ата, канча аялың бар эле, Талгаттын жээни келиптир!

- Жж - Жаркын - айбы? - Ордунан тура калды.

- Ошол да.

- Кайда экен ал?

- Ой шумдук, машине айдап алыптыр, тим эле кызматчы аялдардай.

- Кайда экен дейм? - Жоомарт кыйкыра сурады.

- Айтып келе жатам го, машинеси жанагы тико деген дейт, жаңы эле чыгып жатпайбы?

- Каерде экен, Талгаттыкындабы?

- Жо-ок, Ырысбектикине келишти.

- Ошондой дебейсиңби бая эле... - Жоомарт арышын чоң аттай кетип жатты: "Мен аны сүйөмүн, бул жолу ал мени таштап кете албайт, өлсөм өлөмүн, бирок андан калбаймын", - деп Ырысбектикин көздөй кетип бара жатты, аралык бир топ узак болгондуктан күйүгүм алган, Ырысбектикине келип эле сыртта жүргөн Айбекти чакырды, ал алтынчы класска окуп калган.

- Кандай кайним?

- Сизге эмне керек?

- Урушкандай болбой учураш кайним.

- Кайниңиз эмесмин.

- Болуптур, Жаркынды чакырып койчу.

- Ал сизди көргүсү келбесечи?:

- Келет, аны көрбөй түк кетпейм!

- Тайкем дагы бар.

- Болсо боло берсин, үй-бүлөө ишине кийлигишпесин ал.

- Барыңыз үйүңүзгө, Жаркын эжем чыкпайт.

- Бол айтып кой, мен ага жолукпай эч кайда кетпейм.

- Ушу түрүңүз мененби? - Айбек күлүп койду.

- Түрүмө эмне болуптур? - Жоомарт өзүнүн бүткөн боюн карап алып уяла түштү, сакалдары өскөн, кийими кир эле, - Бир аздан кийин келем, - деди да шарт артына бурулуп кетти, ал кеткенден кийин Айбек ичкери кирип:

- Жоомарт аке келиптир, - деди эле Ырысбектин ачуусу келип ордунан турмак болгондо:

- Кайра кетти, - деди Айбек.

- Акмак, - деп алды Ырысбек, - Анын көзүнө көрүнбөй эле кой, - деди Жаркынайга, - Ал ичип кеткен, андан баарын күтүүгө болот.

- Эмнеге, үйлөнгөн жокпу? - Жаркынай эжесин карады.

- Кайдан, ал сени сүйөт имиш, - деди Ырысбек акырын, алар андан соң ал жөнүндө сүйлөшүшпөдү, Жаркынай ичинде: "Ал мени чындап сүйсө керек, анда эмнеге өзүнө-өзү кылды, чыдап күтсө балалуу дагы болмокпуз, эми мен ага кайдан жолукмак элем, башым байлануу, бирөөнүн экинчи аялымын, балалуу да болом, эми мен балам үчүн жашашым керек", - деп ойлонуп жатты. Замира Жаркынайдын өзүнө алып келгендерине аябай ыраазы болуп, анын жетишкендигине ичинен кубанып турду: "Тың эле экен, аман жүрсө болду, эжемден калган эстелигим, эми кудай бактыңды ачсын", - деп ойлонуп отурду. Эки-үч күн туруп калды, анткени Замирага сырын айтып кеңешмек болуп оңтоюн таба албай жатты, алар дагы, Талгат дагы союш союп коноктоп жатты. Эки-үч күн өткөндө кетмек болуп жыйналып жатканда Азиза үйгө кирди:

- Жаркын, сени Жоомарт чакырып жатат.

- Жок дебейт белеңиз.

- Болбой туруп алды, Талгат дагы жок эле.

- Эшик илинүүбү?

- Ооба, дарбаза бек.

- Тура берсин анда, - деп Жаркынай шалдая отуруп калды, Жоомарт Айбектин айтканына арданып мончого түшүп, сакал мурутун алып, кийимин которунуп жатканда Садык ичинен кубанды: "Кудай жалгап уялган экен, эми үйлөнүп алса болот эле, колдо дагы жок, азыркы кыздар асмандын башында болуп калды, келин болсо дагы алып бербесе болбойт", - деп ойлонуп уулуна карады:

- Эми эсиңе келипсиң уулум, өзүңдү өзүң жаман кылбай ошентсең.

- Ата, Жаркынай келиптир, эми андан калбайм, - дегенде Садык чок баскандай чоочуп кетти:

- Эмне деп жатасың ой бала?

- Мен аны сүйөм ата, андан экинчи жолу айрылсам тирүү жүрбөйм! - деп шашыла чыгып кетти, аны көргөн Зуура күйөөсүнө суроолуу тигилди:

- Балаң кайда кетти?

- Жаркынай келген имиш.

- Эмне, анан келесоо балаң ошого кеттиби?

- Ооба, барганда ушуну караар бекен...

- Аягы сай таппай акчасы түгөнгөндө карайлап келгендир да, - деп жактыра бербей мурдун чүйрүй отура кетти.

- Сен кудай урган аял болдуң, балдарды тынч койбой кудуңдаткан сенсиң, эми балаңдын селсаяк болгонун көрүп отура бер! - деп Садык чыгып кетти: "Аттиң карылыкты карачы, кишенделген аттай гана колуңдан эчтеке келбей калат экен, болбосо муну сүйлөтпөй коеор элем го, деги эси жок аял менен карыба, жашыңда айтаар сөздөн жазганып абайлап турса картайганда сөзүңдү эмес өзүңдү сыйлабай калат экен", - деп Садык өкүнүп турду...

Жоомарт Жаркынайды күтүп тура берди, ары бери өткөндөр бири билсе, бири билбейт эмеспи, кээси жөн салды гана карап коюп кетсе, кээси: "Бул байкуш дагы эле ажырашкан аялынан үмүт кылып жүрөбү, деги тынчы жок неме болсо керек, аял бир кетсе кайрылып келбесин билбейт го", - деп ойлоп коюп жатышты. Ал ошентип отурганда Талгат келип калды:

- Сен биерде эмне кылып жүрөсүң? - деди ал.

- Аке, мен Жаркынга бир жолугайын дедим эле, - деди башын жерге сала.

- Жаркынайда эмне ишиң бар, силер ажырашпадыңар беле?

- Мени кечирсин, мен аны сүйөм аке, эмне десе аткарайын.

- Болбойт, анын тынчын алба, эми анын күйөөсү бар, - деп ийди Талгат аны биротоло түңүлтмөк болуп калп айтып.

- Ыя, күйөөгө тийип алдыбы? - Жоомарт Талгатты ишенбегендей карады.

- Башы бош неме тийбегенде жүрө берет беле?

- Аке, айланайын аке, Жаркынайга айтсаң, бир эле жолугуп койсун, - деп жалдыраганда.

- Айтып көрөм, болбосо көп турбай кет, - деп кирип кетти, үйгө киргенде кеткени жаткан Жаркынайды көрүп, - Тиги келип эшикте турат го?

- Ким? - Жаркынай билмексен боло сурады.

- Жоомарт.

- Ошонуку өттү, - деп жинденип алды Жаркынай.

- Мен сени күйөөсү бар деп койдум.

- Эмнеге? - Жаркынай тагасын алая карады.

- Ошентсем кетээр деп ойлогом.

- Анан?

- Сага бир жолугайын деп болбой турат.

- Жинди, - деп алды, - Жолукканда эмне аке, мен чыгып кетем, эшикти ачып берсеңиз ал акыры кетет да, - деп керектүүлөрүн салып анан коштошуп унаасын от алдырды, Талгат дарбазасын чоң ачканда Жаркынай айдап чыгып катуу буруп чаң ызгыта жүрүп кетти, Жоомарт жүткүнгөн бойлон кала берди, - Талгат аны көрмөксөн болуп эшигин жаап алды. Жаркынай түш оой шаарга кирип келип үйүнө келип май-сүзмө менен эттерин муздаткычка салып коюп жатып уктап калды. Нуралы кийинки кездери ага кээде келип, кээде телефон чалып калчу болгон, уктап жатып түш көрдү, түшүндө бир аппак кийимчен аял: "Кызым, өзүңдү-өзүң торго салып албадыңбы, эми кеч болуп калды, мына муну алып бекем катып ал, сенин бактың бийик кызым, мындан оңой чыга албайсың", - деп кыпкызыл чоң алмак берди да жүрү дегендей ишарат берди, Жаркынай кандайдыр бир күчтүн керемети менен анын артынан бара жатты, алар бир укмуштуудай үйгө туш келди: "Сенин бактың ушул үйдө, жаза баспаганга аракет кыл", - деди да көздөн кайым болду. Көзүн ачкан Жаркынай өзүн аябай жеңил сезип калыптыр, туруп өзүнүн карды ачканын сезип тамак жасап кирди. Ошол убакта эшиктин коңгуроосу чыр этти, ача койсо Нуралы:

- Периштем менин, кандай барып келдиң? - деп кучагына кысты.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жайында.

- Кийинки кездери келбей кеттиң, үй-бүлөө кыйнадыбы? - деди Жаркынай көз кыйыгы менен карап таарынган кейипте.

- Ошондой болуп калды периштем, көп өтпөй баары жайына келет, - деп Нуралы ыңгайсызданып Жаркынайды белден ала кучагына имерди.

- Ошондой эле болсун, - Жаркынай жылмая анын кучагынан бошонду, - Деги мендей токолуңдун кесири тийбесе болду.

- Жок Жакин, ал эмне дегениң, сенин эч кандай күнөөң жок периштем.

- Макул эми, тамак даяр, менин алып келгендеримден ооз тий, - деп Жаркынай май сүзмөлөрү менен Аселин, кымыздан куюп алып келди, - Бул менин төркүндөрүмдүн базарлыгы.

- Оо-ой, сенин төркүнүң бакыбат турушат го? - деп майдан алып ооз тийди, - Кандай анан тынч жатышыптырбы?

- Баары жайында, жатышыптыр...

- Жакин.

- Оов.

- Сенин мага деген ич күптүң күч ээ?

- Эмнеге андай дедиң?

- Сен башкача жансың Жакин.

- Түшүнбөдүм...

- Жашаганыбызга бир жарым жыл болсо дагы бир жолу мага бир суроо бербегениңе таңгалам.

- Кандай суроо беришим керек эле?

- Качан үйлөнөсүң, жаш өмүрүмдү соолуттуң, көр дүнүйөң менен бул төрт дубалдын ортосунда кунарсыз күндөрүм өтүп жатат деген толгон суроолорду берип тажатпаганыңа таңгалам Жакин.

- Андай суроолордон тажап бүткөнсүң го?

- Ооба, - деди Нуралы Жаркынайды сынай карап, - Сен андайлардан эмессиң алтыным, кең пейилим, - деп туруп барып кучактап аймалап кирди.

- Койчу Нуралы, сага бул жарашпайт, сени көрүнүктүү кызматкер дейт, мендей бир кунсуз токолдун алдында чарк көпөлөк айланбай өз сыпатыңды карман, - деп бошонуп чай куйду, - Шашкан жоксуңбу?

- Аа-а, баса мен кетүүм керек, - деп Нуралы костюмун кийинди, - Алтынай, бир аз чыда, экөөбүз эркин болоор күн келет, - Эки беттен өптү.

- Ага да, буга да шүгүр кылам, үй-бүлөөң менен калам десең ал сенин эркиң, - деди жылмая карап узатып жатып.

- Жез кемпирим, Акылкарачачым, - деп сугалактана дагы өөп алды да жөнөп кетти: "Бул эт менен челдин ортосундагы бир жүргөн пенде да, мунун кызматы өзүнө мансап, күнүмдүк жакшы жашоо алып келгени менен өкмөткө зыян кылганы гана бар эмеспи, элди эмес өздөрүн гана ойлошот булар, буга айткан кайран сөз", - деп эшигин жаап жөлөнүп алып ичин сыйпалап көпкө ойлонуп туруп калды: "Мен өзүм үчүн төрөшүм керек, эне болууну кудайым буйруган соң мен андан качмак белем, жаман менен жашаганча түбөлүк, жакшы жаша жүрөгүңдөн гүл өнүп", - дегендей жүрөгүнө гүл бүчүр байлады, мен ушул үчүн жашайм, өмүр сүрөм", - деп диванга жатып калды. Бизнеси өнүгө берди, контейнерин дүкөндөргө айлантты, эми анын менеджери, кассири, кароолчусу да бар, жумасына эсептешчү эле, эми айына бир дүкөндөн миллиондон алат, салыктардан сырткары, үч дүкөнүнө товар ташып келгенге өттү, бирок ичи билинип калганда Нуралы:

- Эмнеге буга чейин айтпадың? - деди кабак бүркөп.

- Айтканда-айтпаганда не, сага кызыгы жок эмеспи, бул бала менин өзүмө керек, - деди Жаркынай.

- Жакин антпе, мен аялымды көндүрдүм, ал тургай анын ойношун кармап алдым, - деди жер карай оор дем алып.

- Кантип?

- Ошондой экен, мага өчөштүк кылыптыр, жанын жеп актанып жатат.

- Балким ошондойдур, ал деле адам, жандуу адам эмеспи, ызасы ар намысы ошого алып баргандыр, жүрөгү ооругандыр, - деди Жаркынай ойлуу.

- Сен ага тартып жатасыңбы?

- Жок, мен дагы аялмын, эне болом, аялдын ички дүйнөсүнүн кандай экенин эркектер сезбейсиңер, назик сезим ооруганда жан дүйнөң жабыркап, күнүң түнгө айланганын силер кайдан билесиңер.

- Сен жыйырма үчтөгү аял эмес эле миң жылдар жашап койгон умай энелердей сезилип кетесиң Жакин, - деди Нуралы ага жалдырай карап.

- Мени жашоо тарбиялады, көзүмдү ачканы эненин сүтүн эмбедим, атанын кубанычын көрбөдүм, эс тартканы солкулдаган сүрөттөрдү көрсөтүп: "Кызым, бул сенин апаң Жамийла, ал эми бул атаң", - деп мукактана ыйлап отуруп бооруна кысып солуктаганча жашын төккөн таенемдин мээримине сугарылып өстүм, ошондо деле анча түшүнө бербей өлүм деген эмне экенине көзүм жетпей ойнооктук кылып эркелеп жүрө берипмин, - Жаркынай улутунуп алды, - Качан гана таене-таятамдар өлгөндөн кийин бир уктум, ата-энемдин өлгөнүнө күнөөлүү экенимди, кара жолтой деген сөз ээрчип алганын билдим, андан кийин турмушка чыкканда күндө жүрөгүмө канжар сайылгандай сыздаткан сөздү уга баштадым...

- Кейибе, мындан аркысы башкача болот, буйруса биз эркин болуп жашаганда сени дүйнө жүзүн кыдыртамын.

- Менин дүйнө жүзүн кыдырганга кызыгуум жок, эгерде кааласам колу жолум бош, акчам бар, баргым келсе эбак кетмекмин.

- Аның чын, - деп башын ийкеди Нуралы. Алар ошентип отуруп анан бөлүнүштү, Нуралы өзүнчө ойлонду: "Мени анча тоготпойт, колунда бар болгону үчүн го, эмнеге боюна болгонун башкалардай болуп алдастап айтып менден жардам сурап: "Качан үйлөнөсүң, балам атасыз төрөлөбү", - дебейт, демек мен мунун соода иштерине тоскоолдук кылуум керек, а чын эле анын башкасы бардыр, баласы ошондондур, ошону үчүн ток пейил болуп жаткан чыгаар", - деп ойлонуп үйүнө каары келип келди. Аялы үйүндө болчу, эки баласы таятасыныкында эле, анткени алар жайкысын дайыма жайлоого барганды сүйчү, кайнатасына малын бактырып жаткан.

- Сен кандай чечтиң? - деп орой унчукту аялына.

- Кандай чечкеним жагат сага? - деп акшыя карады Каныкей.

- Тез чеч, эч нерседен куру эмессиң, балдарды өзүм окутам, же абийириңди төгүп ата-энеңе айтышым керекпи?

- Нуке, менде элеби күнөө, өзүң сүттөн аксыңбы?

- Мени эркек дейт, анан дагы кызматым турганда кандай ойноп күлсөм жарашат, - деп керсейе карады, - Мендей абройлуу адамдын аялы кайдагы неме менен жатып алганын көрүп туруп кантип сени менен жашайм? - деди күпүлдөй.

- Болуптур, - деди мисирээ Каныкей, - Мени менен ажырашпай эле ошол аялыңа нике кыйдырып жашай бер.

- Эмне-е? - Нуралы жини келе карады, - Балалуу болуп калсамчы?

- Нуралы, сен Мирлан менен Нурланды бала катары көрбөй калдыңбы?- Мен ошентип айттымбы, алардан өлгөнүнчө баш тартпаймын, закс болбосо балага атымды бере албай калам да.

- Аа-а, ошондой дебейсиңби, боюнда барбы? - Ызалуу жылмайды, - Ал балким сага Манас төрөп берээр?

- Манас атаны оозанба, ал сенин оюнчугуң эмес!

- Анда бир баатыр төрөп берет го?

- Кимди төрөсө дагы ал менин балам болуп аталышы керек, - деп жиндене аркы-терки басып жатты, ооба чоңдордун, чиновниктердин үй турмушунда дагы ушундай кайым айтышуулар, уруш-чатактар болуп тураары бышык. Адатта карапайымдардын үйүндө уруш жетишпестиктен болот, ал тургай ажырашып балдар ата-энесиз өсөт, кыйынчылыктарды көрөт, ал эми элитабыз дегендердин чатагы көпкөндүктөн, байлыктан башы айланып көзүн туман баскандыктан болот тура, - Сенден башка эчтеке талап кылбайм, каалайсыңбы чет өлкөгө жиберейин?

- Өзүң кызмат үчүн тигиге буга жүгүрүп жүрөсүң, сенин былыгыңдын баарын билемин, эртең эле бир гезитке шардана кылсам ордуңду аңдыгандарга кудай берип калсын, - деп Каныкей өжөрлөндү.

- Оозуңду басып кал, бир шек билинсе сени ким көрдү кылып салам!

- Ал дагы колуңдан келээрин билемин, тигил Көпөсбаев экөөңөр кимдин көзүн тазалаганыңарды беш колумдай билем го?

- - Эмне деп жатасың акылсыз? - Нуралы эки жагын карап алды, - Оозуңдан бир жел чыкса жашайм деп ойлобо.

- Билгениңди кыл, басынтып басып кеткениңди көргөнчө колуңдан өлгөнүм жакшы, мен көргө сен түрмөгө барып эс аласың! - деп бакырды Каныкей, Нуралы эмне кылаарын билбеди, айласы кетти, дагы бирдеме десе аялы билгендеринин баарын көзүнө сайып айтып берээрин түшүрдү: "Мындан кутулуум керек, эптеп Кересизович менен биригип тигилерди жеңип министрликке жетип алсам мунун көзүн тазалатайын", - деди да жиндене чыгып кетти. Чынында Каныкейдин деле жашоосу жаман эмес, Нуралыдан он жаш кичүү болгондуктан отуздан жаңы ашкан солкулдаган өңдүү-түстүү келин. Өзүнчө машинасы бар, гардеровдору толтура жаңы модадагы кийимдер, капыстан көрүп калган бирөө көрсө таң калчудай дүкөндө тизилгендей ар кандай бут кийимдер, балдарыныкы өзүнчө, Мирбеги эми жетиге чыгат, Нурбеги беш жашта. Нуралы чыгаары менен курбусу Таняга чалды, ыйлап алган:

- Ало Таня, келип кетчи кудай жалгагыр!

- Эмне болду анчалык? - деп сурады таня.

- Телефондон айта албайм.

- Макул, азыр барам, - Таня телефонду коюп койсо дагы тү-үт-тү-үт деген үндү тыңшап тура берди: "Мен эми сага токол алганды көрсөтөмүн, жөн гана кол куушуруп кала бере турган аялдардан эмесмин, же сен өлөсүң же мен өлөм, анан баары бүтөт", - деп ойлонуп кызматчысын чакырды.

- Эже, эмне тапшырасыз? - деди он сегиздердеги кыз.

- Казы-картадан салып кой, анан эрте быша турган кылып койдун боорунан куурдак жаса.

- Макул эже, - деп кыз ары басып кетти, бул кыз Каныкейдин кыйыр туугандарынын кызы, ата-энеси өлүп калганда алып келип жумшап жүргөн, күйөөсүн ушул кыздан дагы кызганган күндөрү болбодубу. Аты Акылай, илбериңки, ак көңүл ишенчээк, жумшак мүнөз кыз, илмейип арык, жүзү кагаздай жука анан аппак сулуу эле. Таня келип калды, курбусу келгенче Акылай куурдакты жасап үстөл үстүн дайындап койгон, ал кирип келип эле:

- Ай жайчылыкпы деги, эмне болуп кетти? - деди өбүшө учурашкан соң.

- Жайчылык болбой калды го.

- Ийи, кулагым сенде.

- Адегенде тамакка кара, мындан аздап алып коелу, анан сөзгө конок беребиз, - Каныкей коньяктан куюп экөөнүн алдына койду, - Бир көңүл ачкым келди.

- Ой сенин күндөрүңдүн ар бир сааты эле майрам го, карачы бул жашооңо ыраазы болбосоң биз дагы жүргөн экенбиз да, - Таня күлүп калды.

- Ушул ак сарайдын ичинде арман менен ызага уугуп жашаганча карапайым эркин жашоо бакыт эмеспи, - Каныкей улутуна буулугуп барып, - Кел анда эркиндик, бакыттын кайрылып келиши үчүн ичеличи, - деп стаканды көтөрдү, Таня дагы алып ийди да:

- Курбум, мен сага түшүнбөй турам, - деди.

- Түшүнөсүң шашпа, балким бооруң ооруур, аяп караарсың курбум. Бирок мындай туңгуюкта калган мен эле эмес болсом керек, - Терең дем ала үшкүрүп алды, - Сенин көмөгүң керек...

- Колумдан келгенин аябайм досум.

- Ушинтээриңди билгенмин, - Экөө куурдак менен бир бөтөлкө коньякты ичип бүтүп бак ичине чыгышты. Бак ичи сонун болуп турган кез, алмалардын буруксуган жыты, жаңгак менен өрүктөр жерге төгүлүп кирген адам чыккысы жок, эшиктин алдынан башталган ар түрдүү гүл жыпарын чача көз жоосун алат, - Нуралы токол алганы жатат, - деди бак ичиндеги жумшак креслого жеткенде.

- Эмне-е?! - Таня ыргып кетти.

- Ошондо-ой, мен картайып калсам дагы бир жөн, жанымды кашайтты го курбум, - Ээндеп чыкканга токтото албай ыйлап жиберди:

- Капаланбачы Каныкей, чынында оор маселе экен, - Таня курбусун кучактап жубатып жатты, - Анан сен эмне дедиң?

- Ала бер дедим, бирок ал ажырашпасак болбойт дейт.

- Токол деген жөн эле кала берчү аял курбум, бирок сен ажырашпа, ажырашсаң ага жакшы болбойбу, жапжаш сулуусуң, он гүлүңдүн бири гана ачылган кез, - деп Таня ойлоно түштү, - Сен дагы бирөөнү таап ал анда.

- Бар, бирок артымдан киши коюп билип албадыбы.

- Демек жашоо бергиси жок дечи?

- Ошондой.

- Жаман, бир нерсе ойлоп табуу керек.

- Ошол үчүн сенден акыл сурап отурам да.

- Эмесе мындай, - Таня ага шыбырап жатканда Акылай келди:

- Тамак даяр эже.

- Кое бер, азыр киребиз, - деди Каныкей, Акылай басып кетти.

- Каныкей, ушул кыздын багын ачпайлыбы?

- Кантип?

- Менин өзүмдүн эле иним бар, мага бул кыз жагат.

- Азыр аны жайына кой, менин маселемди чечип алалы.

- Ой андан коркпо, айттым го, дал ошондой кылабыз, - Таня сырдуу күлүп көзүн кысып койду.

- Бизден көрүп калсачы?

- көрбөйт, - Таня ишенимдүү айтты, андан кийин экөө беш бармак менен дагы бир коньяк ичишти, бир топ кызуу болуп калышты, Каныкей ичкенде жатып алмайы бар, Таня үйүнө кетти, ошол күндөн баштап алар Нуралынын артынан түшмөк болушту, Каныкейдин машинасын таанып коет деп башка машинага алмашышты, анан жумушунан чыкканча карап турушту, ошол күнү ал Жаркынайдыкына барып кеңешмек болгон, ал үйдү сатып жер үйдү сүйлөшүп коюшкан эле, аны ага айтмак болгон, бирок Жаркынай үйдө жок болчу, Нуралы аны күтүп өз ачкычы менен ачып отуруп калды, Таня менен Каныкей акмалап турганда ак тико машинасы келип токтоп андан ичи бир аз билинип калган Жаркынай түшүп кирип кетти.

- Ай ушул болуп жүрбөсүн ыя? - деди Каныкей.

- Жо-ок ай, ушу кантип болсун жаш го?

- Ичин көрбөйсүңбү?

- Чын эле, чыдай тур эми көрөбүз, - деп көпкө күтүп калышты, бир кезде Нуралы Жаркынайды колтуктап чыкканда Каныкей көзү чакчая оозун ачып отуруп калды, - Аа-ай сага эмне болду? - деп аны Таня түрткүлөдү.

- Көрдүңбү Таня, көрдүң о өз көзүң менен аябай жаш экен, кантип макул болду экен, мен кантип барып ушуга күйөөмдү бошот деп айтам? - деп ыйлап жатты. Ошентип алар Нуралылардын кайда кеткенин көрбөй калышты, подъездден чыккан бир аялды көрүп Таня түшүп барды:

- Эже, тигил ак машинанын ээси кайсыл үйдө тураарын билбейсизби?

- Үстүндө болсо керек, биринчи, экинчи кабатта жок.

- Дайыма ушул жерде болобу?

- Ооба, машинасы ар дайым турганын көрөм.

- Ким менен тураарын билбейсизби?

- Жок кызым, мен картайган адаммын, кирип чыгып тирчилигимди кыламын, башка менен ишим да болбойт, - деп басып кетти аял. Беш кабаттуу үйдүн кайсынысында тураарын билбей кете беришти, Нуралы Жаркынайдын унаасын таштатып өзүнүкү менен кеткен. Кыжаалат болуп ыйлап жатканда апасы эки баласын алып келип калды, анын шишиген көзүн көргөн Жумакан:

- Каныкей сага эмне болгон? - деди бирдеме сезгендей.

- Апа, Нуралы мени менен ажырашам деп жатат.

- Эмнеге? - деп чоочулай карады Жумакан, элүү бештердеги аял жапжаш көрүнөт, Каныкей эң улуусу, ичи уйгу-туйгу боло түштү.

- Токол алам деп жатат.

- Үстүңөбү?

- Ооба, болбосо ажырашам дейт.

- Көпкөн экен да.

- Токолун көрдүм, жаш сулуу экен, боюнда дагы бар...

- Шашпа аны, үйгө келип жатабы?

- Жок, бир жумадан бери келбейт.

- Мейли балам, сен токтоо бол, - деди Жумакан көптөн кийин, - Сен ажырашпайм деп туруп ал.

- Ошенттим, бирок ал...

- Эмне дейт, өзүңдө күнөө болбосо эмнеден коркмок элең?

- Бар, мага кылганына өчөшүп...

- Курган кызым ай! - деп Жумакан унчукпай калды, Каныкей бышактап ыйлап турса ичинен сызып зээни кейидиби ким билсин, үн дебеди, балдары ички бөлмөдө ойноп жаткан кечки тамакка Акылай чакырды аларды. Чогуу отуруп тамактанышкан соң өз-өз бөлмөсүнө киришти, Каныкей бөлмөсүндө ыйлап отурганда Жумакан кирди:

- Эмнеге келдиң апа? - деди Каныкей анын киргенин сезип баш көтөрбөй.

- Эзиле бербечи кызым, - Жумакан кызын аяп жанына отурду, - Эсиңди жыйып токтоо бол кызым, эркектер ошондой болот, ат айланып казыгын табат деген, отурган кыз ордун табат, чыдап койсоң жеңип чыгасың.

- Кантип, канчага чыдашым керек?

- Чыда, кайрылып келгенче күт, анан баары ордуна келет.

- Кереги жок, мен ага кылгылыкты кылам!

- Кой кызым, ачуу душман акыл дос, - деген кызым, балдарыңды ойлончу кагылайын, - деп бир топко отурду, Каныкей ыйлап-ыйлап бозоруп жатып калды, көпкө жатып анан уктап калды. Эртеси башы ооруп ойгонду, жанында күйөөсү жогун көргөндө ичи тыз этип алды, көздөрүнө жаш толо туруп калды: "Мен да жашмын, сулумун Нуралы, ошол кызга азгырылганың менен убактылуу экенин сен сезбей адашып жатасың, балдарым үчүн сенден өлбөй өчүмдү аламын", - деп туруп жуунуп келин күзгүдө отурганда балдары кирди:

- Апа, атам качан келет? - деди Мирлан.

- Атамды сагындым, качан келет? - деп Нурланы мойнуна асылды.

- Колу бошобой жатат, келип калат уулум.

- Качан, күтсөм деле жок го?

- Келет уулум, келип калат, - Эки уулун өөп анан ээрчитип ылдый түштү, - Чай даярбы Акылай?

- Баары даяр эже.

- Апам кайда кеткен, көрүнбөйт да?

- Бир жакка чыкты, келип калам деди го?

- Ий-ии, - деп тамактанууга отурушту, эрте чыккан Жумакан Нуралынын жумушунун эшигинде күтүп жатты, бир кезде ал келип унаасынан түшүп келе жатып кайненесин көрүп токтой калды, эмне кылаарын билбей же алдыга же артка кетээрин билбей турганда Жумакан аны утурлап келди:

- Жакшысыңбы уулум?

- Оо кел апа, качан келдиңер? - Нуралы шыпылдай учурашты.

- Келдим балам, үйгө барбаганыңдан улам ишиңден жолугайын дедим.

- Убара болупсуз апа, бүгүн бармакмын...

- Мейли, мен бүгүн кетем, - Жумакан күйөө баласын сынай карады, - Бул сен Каныкей менен ажырашмак болдуңбу айланайын?

- Жок-жок апа, Каныкей ошенттиби? - Кайсактап калды.

- Ооба, баарынан кабардармын...

- Апа жүрү, үйгө барып сүйлөшөлү, - деп колтуктап унаага отургузуп алып үйүнө жөнөдү. Алар киргенде балдары барып кучактап калышты.

- Ата-а!

- Атам келди!

- Балдарым менин, сагындыңарбы мени? - деп үйүлүп түшө калып алмак-салмак өпкүлөп жатты Нуралы.

- Ооба ата, аябай сагындым, эмнеге келбей калдың ата?

- Мына, келбедимби балдарым.

- Эми эч качан жумуштан кармалбайсыңбы?

- Жок-жок уулум.

- Мирлан, нурлан бар бөлмөңөргө баргыла, - деди Каныкей күйөөсүнүн келгенине жини келип, - Атаң кайра жумушуна кетет.

- Ооба балдарым, мен кайра сөзсүз кетүүм керек, отуруңуз апа, - Нуралы кайсаңдай кайненесин карады, - Отуруңуз апа.

- Мына балам, эми сүйлөшсөк болчудай, - Жумакан орун алды.

- Апа, эмнеге бардыңыз, кеткен немени жалдырам алып келдиңби? - Каныкей апасына тултуңдай карады.

- Каныкей, апамда эмне күнөө, мен өзүм келдим, өз үйүмө келгенге болбойбу? - Нурлан кызыңдай карады.

- Сен кеткен кишисиң, ошол токол-моколуң менен жогол!

- Ай-ай кызым, Нуралы менен мен бир гана ооз сүйлөшөйүн, жөн тура тур, - Жумакан кызын тыйды, - Сабырдуу болсоңчу айланайын.

- Ушуну о жооп берет деп жатасызбы апа, эми мунун бул үйгө келгенинен пайда жок! - деп үстүңкү кабатка чыгып кетти, Нуралы үндөбөдү.

- Балам, силер ушуга жетип калдыңарбы, мен келгенде бири-бирин сыйлап турчу кыз-күйөөмдүн кыргый кабак болуп турганына ким күнөөлүү балам?

- Апа, сиз мени түшүнүңүз, Каныкейди жамандай албайм, - Саамга колдорун ушаланып туруп анан, - Бизде жашоо болбой калды, - деди Нуралы, - Менин аброюмду кетирип көрө албагандар мунун кай жерде жүргөндөрүн сүрөткө тартып алып кабинетиме таштап кетишиптир, эми бирдеме болсо гезиттерге берип кадырымды кетиришет, түшүрүшөт, ансыз дагы кызмат ордумду алмаштырмак болуп жатканда бут тозушканына жол ачып бербедиби.

- Балам, эми жашай турган оюң калдыбы?

- Жок апа, такыр эле ажырашайын дегеним жок...

- Анан эмне кылмаксың?

- Өзүм дагы билбейм.

- Башка себеп жокпу?

- Жок...

- Анда мен Каныкейди айылга алып кетейин, бир аз сен ишиңди бүтүр, - деди Жумакан күйөө баласынан ашыкча сөз чыкпаган соң кыйыта айтты.

- Балдар менен барса бара турсун, - Нуралы шыпылдай түштү, - Мен жумуштан кечигем апа, өкмөттүк иш да, мени түшүнүңүз, - деп ордунан турду.

- Мейли балам, үйүңөрдөн береке кетпесин, балдарыңарды ойлогула айланайын, - Жумакан кала берди. Ошо убакта Каныкей түшүп келди.

- Апа, мен эч качан айылга барбайм, - деп жинденди, ал баарын уккан болчу, сөздү көбөйтпөс үчүн унчукпай турган.

- Кызым болду сүйлөбө, алоолой турган отко май куйганда эмне, сен мени менен барып жайлоого чыгып эс алып кел, - деп сүйлөшпөдү, бирок Каныкей айылга барбай койду, канчалык айтса дагы моюн толгоп туруп алды, аргасыз өзү кетти.

Нуралы эмне кылаар айласын таппай Жаркынайга эки кабат үй сатып берип мечиттен молдо алып келип нике кыйдырды, андан соң аны врачтарга көрсөтүп учетко тургузуп дайындады: "Артка жол жок, эми баары бир Каныкей менен жашабайм", - деп Жаркынай менен туруп калды. Каныкей болсо досторун чакырып алып ичип туруп алды, жалаң коньяк ичип эртеси башы ооруп калтырап калганда Акылайды жөнөтүп алдырып коет, өзүнүн жигити үйүнө келбей, анын үстүнө Нуралы Айбашовичтен коркконунан жолобой калган. Таня Каныкейге бир жигит таап тааныштырды, аны менен машинасына түшүп алып ээн, суунун боюнда отурушту.

- Каныкей, сенин бул турушуңду көргөндөн жүрөк ойноду, кадимки эле Каныкей апабыздай сулуулугуң мени азгырды, - деп аста кучактап өөп койду.

- Койсоңчу, уялтып жатасың Бек, - Наздуу күлүп калды.

- Чын айтам, - деп, коньяктан куйду, Таня өзүнүн жигити менен суу бойлоп кеткен, анын бир баласы бар, күйөөсүнөн ажырашып кеткен, азыр швейный цех ачып алып жумушчулары иштеп жаткан.

- Таня, качан үйлөнөлү? - деди Сапар ага карап.

- Азырынча кое туралы, менин дагы иштерим көп, сага жүктөнбөй өзүмдүн оокатымды жөндөп алайын, - Жылмая карады.

- Кызык экенсиң Таня, үйлөнгөндөн кийин сеники-меники болбошу керек, көөбүз турмуштун арабасына бирге түшөбүз, балдарыбыз болот, чо-оң фирмага айлантабыз, балким фабрика ачабыз, жүздөгөн миңдеген адамдарды жумушка тартабыз, - деп Сапар кыялданып жатты.

- Өкмөт башчылары ача албаган фабрикага экөөбүздүн кудуретибиз жетпейт го, жумушсуздукту эл башчысы оюна да албагандыктан баары башка өлкөлөргө кетип жатышат, андай болсо кана элди бекерчиликтен куткарып бир пайда келтире алсак.

- Буйруса болот жаным, менин бизнесимде эки миллиондой акча бар, сен экөөбүздүкү бириксе бир чоң фабрика болот, - деди Сапар, экөө ээрчише Каныкейлердин жанына келишти.

- Ой кичине сүйлөшүп жатасыңарбы? - деп Таня күлө карады.

- Биз эмнени сүйлөшмөк элек, силердин го келечегиңерди ойлой турган жөнүңөр бар, - деди Каныкей.

- Ошентсе да сүйлөшүп зерикпей отургулачы.

- Бек, досум сен кыздарды тейлегенди унуткансың го? - деп Сапар дагы күлүп калды, - Кыздар деген бир сырдуу, миң кырдуу болушат.

- Билем Саке, Каныкейдин кыздай кылыгы сүрдөтүп жатпайбы, - Бек күлө карады, - Чынбы Каныкей?

- Эми силер эмне десеңер да жарашат го, - Каныкей дагы күлдү, - Күйөөсү бар аялга кыйын экен, ууру кылгандай эле өзүмдү жаман сезип жатам.

- Эчтеке эмес, көнүшүп кетебиз, мен деле үй-бүлөлүү эмесминби, - деди Бек. Андан кийин тамак менен ичимдикти ичип отуруп бири-бирине кыстап, сыйлап жатышты, кеч күүгүмдө Каныкей үйүнө кызуу болуп келди, ал келгенде Акылай тамак даярдап балдарды тойгузуп коюп күтүп отурган.

- Эже, тамак ичесизби? - деди жалтаңдай карап.

- Сураба! - деп ага кыйкырды Каныкей, - сурап бергенче уруп бер дегенди билесиңби?

- Кечирип койчу эжеке.

- Жогол көзүмдөн алыс, баарыңар арамсыңар, мени мазактап жатасыңбы ыя, ооба-а мазактагыла, мени күйөөм таштап кетти, шылдың кыла бергиле-е, - теңселе басып үстүңкү кабатка чыгып бара жатып боюн токтото албай жыгылып тоголонуп тепкичтин этегине түштү, Акылай жетип барып башын көтөрө коюп бакырып жиберди.

- Эже-е! - деп жүгүрүп барып тез жардам чакырды, бат эле келип аны ооруканага алып кетишти, эсин жоготуп башынан кан агып турган, врачтар аны карап көрүп тегеректеп калышты, эсине келгенде түнкү он экиден өтүп калган эле.

- Мага эмне болду? - деди өзүн карап жаткан сестрага бурулуп.

- Сиз тепкичтен жыгылып кетипсиз, көп сүйлөбөңүз, баш мээге, зыян келген, тынч жатыңыз, - деди сестра.

- Өзүмдү жакшы эле сезип жатам, кете берсем болот эле.

- Жок аны врач чечет, анын үстүнө азыр түн эмеспи, система бүткөндөн кийин уктап эс алыңыз, - деп чыгып кетти, эртеси Нуралы Айбашовичке чалышты эле ал жетип келди, врачка жолукту эле ал ичимдик ичип жыгылганын ачык айтты, Нуралы ойлонуп Каныкейдин үстүнө кирди эле, анын киргенин көрүп терс бурулуп кетти, Нуралы унчукпай керебеттин кырына отуруп үнсүз көпкө отурду, анан акырын үн катты.

- Ушунуң туурабы Каныкей?

- Сенин ишиң болбосун, эмнеге келдиң?

- Сен балдарымдын энесисиң.

- Ошол элеби, бир кезде сүйгөнүң калп беле?

- Сен жакшы аялсың Каныкей, адам жаңылат, сүйүү жаңырат, тагдыр деген колдон келчү иш эмес, ичип алыпсың, бул жерге келгенде кызуу турбайсыңбы? - деп ачуусу келе түштү.

- Ичемби-ичпеймби иш-шиң болбосун, бар токолуңду карай бер!

- Ал токол болгону менен акылдуу, ага тийишпе!

- Ийи, көзүңө азыр айдай болуп турган кези да.

- Мейли, сени менен акыйнек айтышпай кетейин, оорукананын төлөмдөрүн төгүп койдум, жакшы болуп кет, - деди да тура жөнөдү.

- Бар, бара бер, сага балдардан дагы артык болуп калбадыбы, эми ал сага төрөп берет, никесиз төрөлгөн балаңа карап баарын унутасың эми үйгө дагы келбе, балдарды сага көргөзбөйм! - деп ыйлап кала берди. Нуралы ишинде көпкө кармалды, атаандашынан озуп чыгуу үчүн бар байлыгын чачууга дагы даяр болчу, акыры жеңип чыгып токой чарбачылыгы боюнча министр болду. Жоро-жолдоштору куттуктап жатты, Жаркынай баягы сустайган бойдон, төрөөрүнө аз калган сайын оорлошуп үйүнөн чыкпай калган, Нуралы анын төрөөрүнө жакындап калганын билсе дагы кечигип жатты, эки кабаттуу үйдө жалгыз отурганда сырткы эшик такылдап калды. Эптеп туруп сыртка чыкса эки аял туруптур.

- Сиздерге ким керек? - деди Жаркынай экөөнө жал-жал карап.

- Сен, сен керексиң!

- Кулагым сенде, - деди Жаркынай дароо сезе.

- Төрөп алсам эле Нуралыны кармап калам дейсиңби?

- Кармаганым жок, ал мени кармап жатат.

- Калп, азгырып көзүңдү сүзгөн сенсиң!

- Анда сен дагы көзүңдү сүз, күйөөңдү азгырып тартып ал!

- Шуркуя!

- Мен эмес өзүң шуркуя, эриң туруп башка менен жүрүп алган.

- Эмне, сен эмнени билет экенсиң.

- Баарын билем, башты оорутпай жолуңа түш! - деди да эшикти тарс жаап алды.

- Өлүгүңдү көрөйүн шуркуя десе, сени шашпа, - деп кыйкырып түшүп бара жатты.

- Акмак, - деп Жаркынай диванга чалкалай отуруп калды, ошол убакта Нуралы телефон чалып калды, - Ало, угуп жатам, жо-ок келбей эле кой, өз үйүңө бара бер, ооба менин сени азгыра турган акыбалым жок, кереги жок дейм! - трубканы коюп койду, - Жинди, муну кара, аялы экөөлөп мени мазактагысы бар, - деп жинденип алды. Отурган жерде уктап калган экен эшиктин коңгуроосу жаны калбай шыңгырап жатыптыр, туруп барып ачса Нуралы:

- Ушунча катуу уктадыңбы жаным, келгениме жарым саат болуп калды, - Нуралы кирип эле кучактап ичин кармалады, - Менин уулум качан чыгам дейт?

- Аз калды, - деп ары карап кетти.

- Сага эмне болду, жана дагы телефондон ачуулу көрүндүң?

- Эчтеке, сен өз үй-бүлөөңө барышың керек Нуралы.

- Эмнеге минтип жатасың?

- Ойлонуп көрсөм туура эмес экен, сен сөзсүз кайтышың керек, алардын көз жашы мени оңдурбайт го? - деди ойлуу.

- Жо-ок, сен муну жөн гана айтып жатасың, же башканы таап алдыңбы? - деп булкулдатып жиберди, - Айт чыныңды.

- Сен экөөбүз күнөө кылып жатабыз, - Жаркынай көздөрүнө жаш толо карады.

- Эч кандай күнөө жок, мен жүрөгүм каалаганды жасаганга акылуумун уктуңбу? - Жиндене аны кое берип креслого отура кетти.

- Нуралы мени түшүн, биздин күнөөбүздү балабыз тартышын каалабайм.

- Эмнеге андай дейсиң?

- Негизи ата-эненин күнөөсүн бала тартып калышы мүмкүн экен.

- Былжырайт ким айтса дагы.

- Түшүнчү...

- Жо-ок, экинчи мындай сөзүңдү уккум келбейт, төрөгөнчө эч жакка чыкпайсың, ушу сен башканы таап алгансың го? - деп жинденип жатып сыртка чыгып кетти, Жаркынай ыйлап отуруп калды, дал ошол күнү кечинде толготуп калды ал, ичи ооруй баштаганда эле тез жардам чакырды, өзү машинасын айдай алмак эмес, тез жардам келгенче даярданып алды да үйүн кулпулап төрөтканага кетти. Кеч келген Нуралы анын кайда кеткенине башы жетпей ого бетер ачууланып жатып өзү дайындаган врачка чалды эле ал билбегенин айтты. Жаркынай уул төрөп алды, аны башка төрөтканага алып барган эле, издеп таап жетип барды Нуралы, акыры уулуна дароо эле күбөлүк алышты, сүйлөшүп акча менен баарын жасоого болот эмеспи, Жаркынай эне болгонуна кубанып бактылуу болуп наристеси менен алектенип дүкөндөрүн дагы бара албай калды, бир күнү барып эсептешип анан дүкөндөрүн сатууга койду, аз өтпөй кардар табылып сатып ийип акчасын толугу менен кассага салды да тынч жашап калды. Нуралы анын жанынан чыкпай калган, кээ-кээде балдарына барып турат, бир күнү келсе Каныкей абдан мас эле:

- Ата-а!

- Атам келди, - деп эки уулу жармашып калды.

- Балдарым, алтындарым менин.

- Эмнеге келбей калдың ата? - деди Мирлан.

- Ата сенин башка дагы балаң барбы? - деп сурады Нурлан.

- Ким айтты уулум?

- Апам, сени башка аялы бар деген.

- Балаң дагы бар деген атаң, - деп биринен-сала экинчиси сөз талаша сүйлөп жатканда Каныкей кыжырлуу карап күлүп отурган.

- Балдарга ушундай сөздү айткандан уялбайсыңбы? - деди ага Нуралы.

- Эмне, чындыкты балдар ушундайда билип алганы жакшы, - деди Каныкей.

- Акмак.

- Менби же сенби акмак?

- Жаш балдарга болбогонду айтканың жакшыбы?

- Болбогонбу? - Каныкей ордунан туруп жакын келди, - Ал шуркуяңдын сага эркек төрөп бергенин дагы билем.

- Бас жаагыңды! - деп колун көтөрө чаап иймек болуп токтоду.

- Ата, апамды урушпачы, - деп Мирлан ортого түшө калды.

- Урушпайм уулум, силер бөлмөңөргө баргылачы, - Нуралы экөөнү өөп өйдөгө чыгарып ийди, - Сенин бул турушуң эмне, элден уялсаң боло?

- Мен эмнеге уяламын? - Каныкей аны кекете карады.

- Өз кейпиңди карачы?

- Кейпим сага ошончолук эле суук көрүнүп калдыбы? - Каныкей каткырып күлүп жатты, - Ооба-а азыр сага периштедей көрүнгөн токолуң бар эмеспи, сенин акчаң, байлыгың үчүн көрөөр көзүңө айланган.

- Менден акча үмүт этпейт ал, өзүнүкү-өзүнө жетет.

- Ыя, ошондойбу? - Ого бетер каткырды, - Анда неге токол болуп жүрөт сага?

- Токол эмес зайыбым.

- Анда мен киммин?

- Сен азатсың.

- Чын элеби, анда эрди-зайып кагазды эмнеге алып жүрөм?

- Ал бир күнү кесилет, мен кеттим.

- Экинчи бул үйгө кадам таштаба, - деген Каныкей өйдө көтөрүлүп бара жатты, дал ушул кезде гана Нуралы өз аялын сүйөөрүн сезди, убактылуу гана жаштыкка, сулуулукка азгырылганын сезип турду, бөлмө ичинде көпкө турду ал: "Мен туура эмес кылдым окшойт, Жаркынай туура айтат, өз үй-бүлөөмдү тандашым керек, ага азаттык беришим керек, анын бактысын байлаганым болбойт, ал дагы өз тагдырын табышы керек", - деп ойлонуп алып кичинекей наристеси Даниелди ойлогондо заманасы куурула түштү: "Ал менин балам, каралашып турам", - деп өзүн соорото үйдөн чыкты: "Жаркынды сөзсүз кое берүүм керек", - деген чечим менен арыштай басып унаасына отурду, айдоочусун көптөн бери бошотуп койгон эле, жумушуна келээри менен ага телефон чалды. Ошол күнү кечке иш тууралуу ойлонбой эле өз алдындагы бурулушту ойлонуп иштей албады. Кечинде бараарын айтып Жаркынайдын үйүнө бир койдун эти менен толгон тамак-ашты айдоочусунан жөнөтүп ийди. Жаркынай наристеси менен алектенип отуруп тамак асып койду. Кечинде келген Нуралы:

- Жакин, - деди ойлуу, - Сенин айтканыңды туура көрдүм...

- Кандай? - Жаркынай түшүнө бербей карады.

- Мен өз үй-бүлөөмдү тандадым.

- Жакшы, - Жаркынай ушинтти да унчукпай кашыгын кармалап телмирип отуруп калды, - Туура чечим.

- Сен жашсың, багыңды байлагым келбейт, балага өзүм карап турам.

- Сен каалагандай болсун...

- Мага таарынба жаным.

- Сага таарынбайм, тагдырыма таарынам, күлгүндөйүмдө турмуштан көңүлүм калды, бул экинчи сыноосу болду, алдыда дагы кандай сыноолор жатканын кайдан билем?

- Капаланба, - Нуралы бир топко ойлонуп отуруп, - Баса, сага бир кызматчы керектир? - деди.

- Жок, кереги жок, өзүм жетишем.

- Бир нерсе болсо мага айт жарайбы?

- Ооба, - Жаркынай тамагын алып келди, экөө коньяктан ичип отурушту, ал күнү Нуралы кеткен жок. Эртеси уулун өөп алып атайын даярдап келген акчаны жанына койду да коштошуп чыгып кетти, анткени Жаркынай албай коюшу мүмкүн эле. Ошентип алар эки бөлүндү, Каныкей күйөөсүнүн кайтып келгенине кубанбады, ал Бек менен кадимкидей жүрө баштаган, Таня менен Сапар үйлөнүп той өткөрүшкөндө Бек экөө бирге болушту, аялы кошо келген ага билгизбей той бүткөнчө бири-бирин карап коюп отура беришти. Аялы Бектин жүрүш-турушунан эле ирээнжип ажырашканы жүргөн, Айганыш дагы толугунан келген сулуу аял болчу, жигити дагы бар, аны менен жолукканда дайыма ага суроо бере турган. Ал күйөөсүнүн үйдөн чыкпай калганына жини келип:

- Эмнеге үйдөн чыкпай калгансың, сүйгөндөрүң таштап кеттиби? - деди Айганыш, - Мен сен үчүн эч ким болбой калбадым беле?

- Айганыш, жөн эле сүйлөй бербечи.

- Мен сүйлөсөм жакпаса каалаганыңды кыл!

- Эмнеге антесиң, балам турганда кайда барам?

- Өзүң каалаган жакка.

- Айганыш бул сенин оюнуңбу же...

- Чыным, бала жөнүндө кабатыр болбо, балким балалуу болоорсуң, өмүр бою мен өзүмдү сенин алдыңда күнөөлүү сезип жүрө албайм, Уландын бакма экенин элдин баары билишет, мен сага төрөп бере албайм! - деп бышактап кирди, Бек Каныкейге жолуга албай өзүнчө кыжаалат болуп жүргөн: "Мен башы бош аялга үйлөнүшүм керек, Айганыш чечкен соң мен өз тагдырымды сынап көрүшүп керек, Уланды чын эле атамдар дагы жакшы көрбөйт, өзүң балалуу болбосоң бөтөн бала бир күнү таштап кетет деп айтып жүрүшпөйбү", - деп ойлонуп калды.

- Улан өзүнүн бакма экенин билбеши керек, - деди анан.

- Ал билбейт, кээде көрүнүп койсоң болот.

- Жарайт, өзүң чечкен экенсиң сен айткандай болсун, - деп ордунан турганда Улан бөлмөсүнөн чыга келди, ал алты жашта, он күндүгүндө багып алышкан эле.

- Мени багып алдыңар беле? - деди ал экөөнө жал-жал карап.

- Уулум, аны кайдан чыгардың, өзүбүздүн эле балабызсың, - Бек отура калып баланы бооруна кысып жүзүнөн өптү.

- Апам айтпадыбы, мен баарын уктум, - Улан ыйлап жатты.

- Жок каралдым, биз башканы айтып жатканбыз, - Айганыш дагы үйрүлө калды, - Садагам менин, өзүмдүн берекем го?

- Мен баарын уктум, Улан билбесин дебедиңерби, менин ата-энем кайда анда?

- Мм, - Бек Айганышты карады, ал ийинин куушура тим болду.

- Андай болсо менин ата-энем ким экенин айткыла, менин бакма бала экеним үчүн экөөңөр ажырашканы жатасыңар го?! - деди да эшикти көздөй жүгүрүп кетти. Экөө тең анын артынан чыкты, тызылдаган Улан бак ичине барып көмкөрөсүнөн жыгылып өксүп ыйлап жатты, балалык жан дүйнөсү ооруп, жүрөгү канап жатты, Бек менен Айганыш эки жагына отуруп алып соорото албай жатышты, бирок бала көпкө ыйлады, жалынып-жалбарып отурган ата-энесин кучактап алып соолуктап жатты, анын балалык таза дүйнөсүнө залакасын тийгизген сөз ата-энесинин багып алгандыгы жаш баланын жүрөгүн оорутту, бирок ал өзүнүн оюнда: "Мен сөзсүз ата-энемди табамын", - деген ой турду. Анысын Бек менен Айганыш кайдан билсин анын көңүлүн ооруткусу келбей дагы көпкө бирге жашоого туура келээрин түшүнүп турушту. Айганыш сүйгөнү Жапар менен жолугуша албай Уланга көбүрөөк көңүл буруп калды. Жапар үй-бүлөсүнөн ажырашкан, Айганышты төрөбөстүгүнө карабай үйлөнмөк, анткени үч баласы бар.

Бек Каныкейге жолуга албай калып Сапардыкына барды, Таня экөө үйлөнүп алып жашап жатышкан. Таня ал келээри менен Каныкейге телефон чалды:

- Ало-о Каныкей тез келип кал, ооба келгенде билесиң, - деп трубканы коюп койду, арадан жарым саат өткөндө Каныкейдин унаасы беш кабат үйдүн алдына токтоп шашыла кирип келди.

- Эмне болду, коркутуп жибердиң да? - Өбүшө учурашып өзүн тиктеп турган Бекти көрүп: "Түшүнүктүү, чакырткан экен да", - деп ойлоп алды.

- Каныкей кандайсың? - деп Бек жылмая басып келип өөп учурашты.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Сен жок, көңүлсүз болуп туруп алды.

- Антпе Бек, менин күйөөм бар, ал билгенин каалабайм.

- Ажырашсаң болбойбу?

- Жок, балдарымдын атасыз өсүшүн каалабайм.

- Мен атасындай боло албаймбы?

- Боло албайсың, алар сени кабыл алышпайт.

- Анда биз ажырашабызбы?

- Ошондой, сенин дагы үй-бүлөөң бар....

- Биз ажырашып жатабыз.

- Эмнеге?

- Мен балалуу болгум келет.

- Балаң бар го?

- Аны багып алганбыз, - Бек оор күрсүнө ары басып отурду.

- Бе-ек, - деп Таня таңгала карады, - Мунуңду кандай түшүнсө болот?

- Ошондой Таня, Айганыш экөөбүздү ата-энебиз эле үйлөнтүп коюшкан, ал төрөбөй калды, аргасыз анын сиңдисинин баласын багып алганбыз, биз бир тууган бөлөбүз, азыр менин ата-энем ажыраш деп калды...

- Кыз-зык, - Сапар ага таңгала карады, - Экөөбүз качандан бери доспуз, бул сырыңды Каныкей болбосо көрүңө ала кетмексиң го ээ?

- Айла жок эле, Айганыш дагы өзү ажырашалы деп жатат.

- Анда сен башка аял изде, - деди Каныкей, - Мен кетишим керек, Нуралы саат сайын телефон чалып текшерип жатат, мен жок болсом жетип келет, Таняга бараарымды Акылайга айтып келгенмин.

- Чай-пай ичсең боло, - Таня ага кайрылды.

- Жок, кетүүм керек, - Ордунан турду.

- Ушуну менен бүттүбү? - деди Бек.

- Ооба, мага түшүн Бек, мен үй-бүлөөмдү жоготпошум керек, - деди да Каныкей чыгып кетти, Бек оор дем алып көпкө ойлонуп отуруп калды, Сапар анын көңүлүн көтөрө коньяк алып келди, үчөө отуруп тамактанып коньяктан алып отурушту. Бек анан үйүнө келсе Айганыш жүгүн алып баласы менен кетип калыптыр, үстөл үстүндө кат турат, аны Бек окуп жатты: "Бек мени кечир, экөөбүз тең жашчылык менен үйлөнүп алган экенбиз, эми мен өз сүйүүмдү таптым, сени дагы табат деп ойлойм, бактылуу бол Бек, мен сени сыйлайм, уулуңа каалаган күнү жолуксаң болот, аман бол. 2003жыл, Айганыш", - деп жазыптыр. Бир аз жүктү калтырган экен, баарын албаптыр. "Демек кеткен экенсиң да, сүйгөнүң менен бактылуу бол", - деп үйдө отура албай чыгып кетти, эмне кылаарын билбеди, кайда бараары, кайда эс алаар жай табылаарын билбей башы катып паркка келди, бош орундук жок, баарында аялдар, балдар чуру-чуу түшүп ойноп жүрүшөт, кайра кетип жатып четтеги орундукта бир келиндин беш-алты айлык бала алып ойлуу отурганын көрүп жакын басып келди, бул Жаркынай эле, Нуралынын кеткенине алты айдан жүзү болгон, телефон чалып ал абалын билип турат, бирок келбей калган.

- Отурсам болобу? - деди Бек Жаркынайга.

- Отура бериңиз, - Көңүлсүз жооп берди ал.

- Башка жакта орун жок, - деп койду Бек өзүн актагандай.

- Эчтеке эмес, отура бериңиз.

- Уулбу же кызбы? - деп сурап койду Бек.

- Уул.

- Оо жакшы экен, мен баланы жакшы көрөм.

- Балдарыңыз барбы?

- Жок, аа-а бар баккан балам...

- Аялыңыз төрөбөйбү?

- Төрөбөй калды.

- Жаман болуптур.

- Аа-а баса, менин атым Бек, - деп күлө карады Бек.

- Жаркынай.

- Кайда жашайсыз?

- Жалда турам.

- Оо бектердин айылындабы?

- Ооба.

- Анда күйөөңүз чоң кызматта го?

- Жалда жалаң чиновниктер турушаарын билем.

- Кызык экен.

- Сөзүм катуу тийсе кечириңиз, өзүм зеригип турдум эле.

- Эчтеке эмес, - Жаркынай күлө карады, - Негизи ошондой го, атабыз дагы чоң болуп иштечү, эми жок... - Кабагын бүркөп уулун карады.

- Эмне өлгөнбү?

- Жок кетти...

- Кайда?

- Өз үй-бүлөөсүнө.

- Чындыкты айтканыңыз мага жакты Жаркынай.

- Жаап жашырганда эмне?

- Туура, а кайдан болосуз?

- Түптөн.

- Жакшы, мен Кочкордон болом, аялым кетип калды, мени аяган окшойт, баары бир биз... Үй телефонуңузду бересизби?

- Эмнеге?

- Кээде чалып турайын.

- Зериккендеби? - Жаркынай бул сүйкүмдүү жигитти жылмая карады, бирок тагдырдын дагы бир табышмагы аны күтүп турганын ал билбеди, экөө көпкө отуруп анан Даниел ыйлай баштаганда сылык коштошуп жөнөп кетти, баланы жанына отургузуп белинен байлады да унаасын айдап бара жатып Бектин өзүн карап турганын көрүп колун көтөрө жылмайып жүрүп кетти. Ал көчөдө келе жатып тааныш караанды көрүп калды, ал Жоомарт болчу, Жаркынайдын артынан шаарга келип бирок таба албасына көзү жеткенде иштемек болуп бирок иш таппады, акыры минтип көчөдө күнүмдүк оокатын таап жеп калган. Жаркынай акырындап айдап келип унаасын токтотту да таштанды чукулап жаткан Жоомартты карап саамга туруп: "Мен сени сүйөм Жакин, сенсиз жашай албайм", - деген сөзүн эстеп боору оруп кетип жакындап басып келгенде башын көтөрө аны көрүп нес боло туруп калды, таштанды төккөндөрдү аңдып турушчу үчөө-төртөө ал аялдын колунда таштанды салган пакети жок эмнеге келип туруп калганын билбей аңкайышты.

- Жаркын, сен... - Жоомарт ушинтти да ары көздөй жөнөдү, - Мени сен табалаганы турасыңбы, бооруң оорудубу? - деди артын карап бара жатып.

- Жоомарт, кел сүйлөшөлү.

- Жок, сени менен сүйлөшчү сөзүм жок, көрүп турбайсыңбы, сен деп ушул күнгө туш келдим.

- Токто Жоомарт, жүрү мени менен.

- Кайда, сени менен кайда бармак элем? - Ылдамдай басып бара жатканда Жаркын аны жетип желкесинен тартты:

- Мени ук Жоомарт, минтип жүргөнүң болбойт.

- Анан кантишим керек эле? - Ызалуу карады, - Шаар чоң, издегениңди таба албасаң, документим жок ишке албады, же тачка бербейт тура, - Көздөрүнө жаш толо туруп калды.

- Жүрү үйгө, калганын кийин сүйлөшөбүз, - деди да ээрчишип унаанын арткы орундугуна отургузуп айдап жөнөдү, Жоомарт баланы көрүп:

- Сенин балаңбы? - деп сурады.

- Ооба, төрөй алат экенмин.

- Менин сөзүмдү унуткан эмес экенсиң да?

- Жаман сөз унутулбайт Жоомарт.

- Туура, - Жоомарт ушул кезде апасынын айткандарын эстеп кетти: "Сен бул аял менен түбөлүк жашай албайсың, ал төрөбөйт, андан көрө пайдаланып кал, малын биздикине алдыр", - деген эле, апасын жек көрүп кетти: "Мени жолдон чыгарган өз энем болду, Жаркынайды сүйөм десем дагы түшүнгөн жок, малга көз артып туруп алды", - деп ойлонуп отуруп, - Мени үйүңө алып бара жатасыңбы? - деди.

- Ооба.

- Күйөөң...

- Күйөөм жок, ал кеткен.

- Эмнеге?

- Кетирдим, мен төрөй ала турганымды гана далилдедим.

- Ошону үчүн тийдиң беле?

- Ооба, - Жаркынай унаасын эки кабат үйдүн алдына токтотту да түшүп дарбазаны ачып ичкери киргизди, - Кир үйгө.

- Мен... - Жоомарт бул заңгыраган үйгө киргенден тартына үстүн карады.

- Тартынба, үйдө ванна бар, - деп өзү уулун көтөрүп эшигин ачты.

- Жаркын, сенин көзүңө бул кебетем менен көрүнбөшүм керек эле...

- Эчтеке эмес, качан келдиң эле?

- Эки жылга жакындап калды го?

- Бул жакка кирип жуунуп чыга бер, - деп астыңкы кабаттан ваннаны көрсөтүп өзү өйдө көтөрүлдү: "Ханышадай эле жашайт тура, эмнеге малына көз арттым экен, өзүм сүйгөн аялдын ишеничин жоготтум, Талгаттын да айтканы туура, эшигимдеги өз насибин, ырыскысын уурдаган адамга кантип ишенет эле, бирок ушул кебетем менен көргөнү жаман болду, балким мени аягандыр, кийинтип колума акча берип жолума салаар, ооба-а, мага ошол ылайык", - деп терең дем ала жуунуп жатты. Ваннада баары бар эле, жуунуп алып сергий түштү, көптөн бери суу тийбеген денеси балкып чыккысы келбей көпкө жуунду. Ал чыкса бир сыйра кийимди даярдап коюптур.

- Жеңил парың менен, - деди аны көргөн Жаркынай.

- Рахмат.

- Кийин да келип тамак ич, - деп ашканасына кирип кетти. Жоомарт кийинип алып Жаркынай кирген жакка кирди.

- Жаркын, мени шылдың кылып турасың го ээ?

- Жо-ок, жаман ойлоно бербе, башкасын эске албаганда жердешпиз го, көрүп туруп басып кете албадым, - Жылмая алдына эттүү тамакты койду, - Ал тамактан ич.

- Уулуңдун аты ким?

- Даниел.

- Жакшы экен, бактылуу көрүнөсүң...

- Быштым, жетилдим.

- Туура, анда жаш элең.

- Муздатпай ич, - деп баласынын үнүн угуп туруп кетти, Жоомарт ойлуу: "Жөн гана жердешпиз дейт тура, мен муну таппай канча азап чектим, Бишкектин ичиндеги базарларды бирден карап чыктым, кайда соода кылат болду экен деп, мунун айтканын кара", - деп жини келип кетти, бирок өзү дагы ал жашоодон тажап бара жаткан, колуна бир аз акча тийсе айылга кетмек болуп такыр топтой албай күн өтө берип ушул болду.

- Уулуң ойгондубу? - деп Даниелди көтөрүп кирген Жаркынайга карады.

- Ооба, ойгонуп алыптыр, - Жаркынай уулун өөп коляскасына жаткырып бери карады, - Ал ичип жатасыңбы?

- Ооба-ооба, ичип жатам.

- Кел дагы куюп берейин.

- Болот го...

- Жо-ок, жакшылап тоюп ал, - деп кайра дагы куюп алдына койду: "Сен акмаксың, ушундай жарыңа кара санап, мунуку сеники эмес беле, акыры төрөп бермек, ырыскыңды тепкен акмак", - деп өзүн-өзү жемелеп майлуу этти сугунуп жеп тамактанып жатты. Жаркынай ага акча даярдап койгон, тамак ичип бүткөн соң кетирмек.

- Ичтим Жаркын, сага рахмат.

- Эчтеке эмес, мына бул акчага батир жалдап соодага чыксаң болот, - деп акча сунду Жаркынай, - Мага капа болбо, эми жашып кетесиң, кааласаң айылга кетээрсиң.

- Жаркын...

- Эмне дегиң келет Жоомарт.

- Мен калсам болбойбу?

- Кантип, эми мен сени калтыра албайм.

- Эмнеге, биз кайрадан жашасак болбойбу?

- Болбойт Жоомарт, сен бирөөнүн баласына ата боло албайсың.

- Болом, билсең сен үчүн келгенмин шаарга, сени табам деп келгенмин, көрсө чоң шаарда таппай айланаңда эле жүргөн экенмин да, - деп Жоомарт акчаны албай босогону көздөй басты, - Мен сенсиз жашай албайм Жаркын, эми атайын селсаяктарга барамын, өз сүйүүмдү кабыл албаганың үчүн өзүмдөн-өзүм өч алам, - деп сыртка чыкты, Жаркынай терезеден карап турду, башын жерге салып кетип жатканын көрүп тим болду, ичи ачышты: "Өзүң сүйгөнгө эмес өзүңдү сүйгөнгө жет деген го, эмнеге аны кубалап жибердим, тим койсом болот эле го, кантсе дагы балапандайымда этегимди ачып, денеме биринчи кол тийгизген күйөөм эмеспи", - деп Жоомарт албай койгон акчаны карап телмире тура берди. Убакыт өтө берди, бир жума өткөндө эшикке мусор төккөнү чыкса Жоомарт каалганын артында жөлөнүп уктап жатыптыр. Мусорду таштап келип:

- Жоомарт, тур өйдө, - деди ийининен тартып.

- Аа-а, - Жоомарт уйкулуу көзүн ача тура калды.

- Качан келдиң эле?

- Күндө ушул жердемин.

- Койчу?

- Ооба эшигиңди кайтарганыма кубанаарсың?

- Жоомарт, эмне деп жатасың? - Ошол кезде коңшу аял чыгып:

- Ай Жаркын, алиги немени күндө эле сенин дарбазаңдын түбүнөн көрөм, деги ууру-кески эмеспи? - деди мусор челегин жерге коюп.

- Жок-жок эже, жердешим болот, мындан ары келбейт.

- Ошондой эле болсун, - Ал аял чакасын көтөрө ары басты.

- Сен жинди болдуңбу, көргөндөр эмне дейт? - Жаркынай ачуулу карады, - Бул айылда бүт абройлуу адамдар турушат, кир үйгө кирип чай-пай ичип ал, - деп дарбазаны кең ачты, - Мунуң болбойт Жоомарт.

- Кирбейм, эгерде кирсем кайра чыкпайм.

- Жинди болбо, бол эми бала ойгонуп калбасын.

- Баары бир айтканымдан кайтпайм, сени таппай аргасыз эле жүргөнмүн, эми эч кайда кетпейм, - деп ичкери кирди Жоомарт. Экөө үнсүз таңкы наарды ичип отурушту, Даниел ойгонуп аны менен алектенип жатканда Телефон чырылдап калды, Жоомарт алмак болду эле:

- Жо-ок, сен алба! - деп шашып калды Жаркынай, анан баласын көтөрүп келип трубканы алды, - Угуп жатам, жакшы Даниел дагы жакшы, чоңоюп жатат, жок эч нерсе керек эмес, макул өзүң бил, - деп трубканы койду.

- Ким ал? - деп Жоомарт кызгангандай сурады.

- Даниелдин атасы, - деп жылмайды Жаркынай.

- Эмнеге чалат, сени кызганганыбы?

- Балким, бирок анда сенин ишиң канча?

- Мен сени сүйөм, сенсиз өмүр сүрө албайм, - дедим го?

- Өжөрлөнбө Жоомарт, биздин жолубуз башка-башка.

- Андай болбойт, мен таппаганды сен мени таптың, тагдыр бизди кайра табыштырды Жаркын!

- Кой Жоомарт, сени аяйм деп башыма балээ тилеп алыптырмын да, - Жини келе ашканасына кирди, - Азыр Даниелдин атасы келет, тамактанып ал да бар, тигине акча ошол жерде турат, - деди Жаркынай үстөл үстүнө тамак ашын коюп жатып. Бирок Жоомарт эч кайда кетпеди, акчаны албады, Нуралы дагы келбеди, болгону айдоочусунан койдун эти менен толтура продукты берип ийген экен, үйгө киргизип орду-ордуна койду. Жаркынай Жоомарт менен сүйлөшпөдү, ал да үн катпай жатып алды. Күн кечтеп калганда Жаркынай кайрадан тамак жасап жаткан, Жоомарт акырын басып келди:

- Жаркын, мен сенден ажырабайм, - деди акырын.

- А мен сени көргүм жок.

- Эмнеге, дагы бир нерсемди уурдайт дегени турасыңбы?

- Жок, аны эбак эле унутканмын.

- Жоомарт, эмне кыл дейсиң деги?

- Үйлөнөлү.

- Болбойт.

- Эмнеге болбойт?

- Даниелдин атасы келип турат, мен ага эмне деп жооп берем Жоомарт.

- Жашабаса деле сени текшере береби?

- Ошондой, ал баламдын атасы! - деди Жаркынай жини келе. Экөө ары кетип, бери кетип бирок сөзгө келише албады, бирок Жоомарт кетпей көгөрүп жатып алды, Жаркынай баласы менен айылга бара албай жүргөн, Жоомарттан кутулуу үчүн ал айылга кетээрин айтты эле:

- Мен кошо барам, - деди Жоомарт.

- Жинди болбо.

- Сени менен бирге барып түшүп калам да.

- Макул, - деп айылга жөнөдү, Замира ыйлап-сыктап тозуп алып баласын өөп сиңдисине кубана карады.

- Уулуңду төрөгөндө эмнеге айтпадың, күйөө бала келген жокпу?

- Ооба эже, - деп түнөрдү Жаркынай, Азиза менен Талгат ага кой союп коноктоп жатышты, баласын улам ар кимиси алып эркелетип отурушат. Бул кезде Жоомарт ата-энесин шаштырып кирди:

- Мен Жаркынай менен жашап балалуу болдум, силер алардын үйүнө барып аны кайра алып келгиле, анан кайра эле шаарга кетебиз, - деп баягы Жаркынай берген акчаны чачып союш, кийит-кече алып камынып туугандары менен эртеси кирип келишти, Жаркынай мындайды күтпөгөнгө эмне кылаарын билбей калды, Талгат улуу кишилерди тартына ичкери киргизди, ичке кирип келген Зуура Жаркынай көтөрүп турган балага эки колун жая:

- Садагаң гана кетейин десе, айтып койбой жүрө бересиңерби ботом, неберемди берчи балам мага, - деп сурабай этпей эле колунан алганда таңгала карады.

- Апа силерге айтканда эмне, биротоло көрсүн дедик, мына биздин балабыз, - деп Жоомарт кирип келип айтканда Жаркынай эмне кылаарын билбей калды.

- Жоомарт.

- Жакин, болоор иш болду да, эми жашырынганда эмне? - деди эле ого бетер таңгала туруп калды, Талгат аялы менен эжесин карады, бири-бирин караган бир туугандар түшүнүп түшүнбөй тура беришти, Жаркынайдын оозуна сөз кирбей калды: "Атасы менмин деп мени уятка калтырды, калп деп кубалап чыксамбы же...", - деп ойлонуп турганда Садык:

- Насип деген ушул да, кудай кайра табыштырыптыр, кана уулумду мага берчи кемпир? - деп кемпиринин колунан бир жашка чыгайын деген баланы колуна алып өөп туруп калды, - Өмүрлүү бол балам, Жоомартты адам кылып коюпсуң, - деп айтканда Жаркынай үн дей албады, атасы башка деп айтуу да кыйын болду, ошол убакта Талгат үй ээси катары акыл токтото:

- Төргө өтүңүздөр, биз дагы билбедик эле, уккан кулак ишенбей турган иш болду, - деп ички бөлмөгө киргизди, Даниелди болсо Садык менен Зуура алып жүрөт, Садык чөнтөгүнөн элүү сом алып чыкты.

- Бул жөн эле көргөнүбүз болсун балам.

- Ооба, бизде бары ушулардыкы да, - деп Зуура шыпшынып койду, аңгыча уул-келини куржунду үйгө алып киришти, бышырылган койдун эти, боорсок менен таттуу, кийит-кечесинин баарын алып чыкты:

- Балдарым минтип балалуу болуп келип жатса кантип чыдап турабыз, эми ортодо түшүнбөстүктөр болду, - деди Садык.

- - Эчтеке эмес, - демиш болду Талгат, Гүлсүн келип баланы кайненесинен алды:

- Биз дагы көрүп коелу апа.

- Албай анан, буйруса башыбызга баш кошулуп жатат, - деп компое карады, - Азиза болсо дасторкон жайып үстүн толтурду, өздөрү дагы жакшы турушат, мал келдүү, варьение менен салатты толтуруп койду, Жаркынай Садыктар ичке кирип кеткенде Жоомартты жетелеп эшикке алып чыкты:

- Сен анык жиндисиң Жоомарт, калп айтуунун эмне кереги бар эле?

- Мен сен үчүн жасадым, бала меники бүттү!

- Менсиз чечим чыгарганың туура эмес, азыр ачык айтам дагы үйдөн кууп чыгам, - деп үйгө жулунганда Жоомарт кармап калды:

- Анда өзүңө жаман болот, эри жок төрөптүр деп, өзүң бил.

- Айта берсин, - деп тултуңдаган Жаркынай туруп калды. Бирок ал антип айта алмак эмес, ансыз деле Замира сураганда мукактанып туруп калган, бирок балдары киргенде унчукпай башка сөзгө кирип кетишкен эле: "Пешенең кургур, муну мусордон эмнеге алып чыктым эле кайрадан башымды байлап алдыңбы", - деп ойлонуп калды.

- Жаркын, кайда жүрөсүңөр? - деген Замиранын үнү угулду.

- Азыр эже, - Жаркынай аргасыз үйгө кирди, коноктор үйүнө кеткенден кийин Замира Жаркынайга карады.

- Эмнеге жашырдың? - деди.

- Эже...

- Мейли эми, балаңар дагы бар экен, же кабар алганга үйүңдү билбейбиз.

- Мени менен чогуу барасызбы?

- Макул, үйүңдү көрүп келейин, - деп күлүп калды.

- Чогуу эле барып келели, - деди Талгат.

- Кеттик анда, - Жаркынай кубана күлүп ийди.

- Болду, чогуу барып үйүңдү жууп берели, уулуңа бир тай бердим, аны кааласаң сатып ала кет акчасын.

- Кереги жок, кийин чоңойгондо минет, - деп бабырашып отуруп көптө жатышты, эртеси таң атпай Жоомарт агасы экөө келип аларды чакырып келгенин айтып той өткөрөөрүн билдирди. Ошентип аргасыз табышмактуу сырды катып Садыктын үйүндө келин той болуп өттү. Даниелди Садык менен Зуура колунан түшүрбөй калды, эки күн өткөн соң Жаркынай кетмек болду эле:

- Силерди жалгыз жөнөтпөй атаң болуп биз дагы баралы балам, эми сен толук биздин үй-бүлөө мүчөсүнө кирдиң, неберем турганда бизден кача албайсың, - деди Зуура.

- Мен барбайм кемпир, Акмат менен Гүлсүндү ээрчитип үйүн көрүп келгиле, - деди Садык. Жаркынайдын машинасына алар отурду, Талгат эже-жездеси, Азиза болуп өзүнүн унаасына отуруп шаарга келишти. Үйдү көргөн Зуура тамшанып эле жатып калды.

- Уулум ушул үйдө жашар жыргап жатса биз сары санаа болуп эки жыл бою ичкенибиз ирим болуп жүрдү ээ ботом? - деди келинине карай. Үйгө кирген соң андан бетер суктанып жатты, ал тургай жаш болуп калбаганына, ушундай жашоодо жашабаганына ичинен өкүнүп турду, эчтеке көрбөгөн неме, турмушта жетип жетпей жашаганына ичи тызылдап дагы алды. Ала келген койду союшуп коңшу-колоңун чакырмак болду эле Жаркынай болбой койду, эки-үч күн туруп анан кетишти, Замира менен Ырысбек кеңешип бир килем ала келишкен, Жоомарт ата-энесине айтып жатып эптеп бир килем, Акмат аялы экөө килем алып келишкен болчу. Талгат болсо өзү каалаган диван кресло сатып берди. Алар кетмек болгондо Жаркынай баарына таарынбагандай кылып жөнөттү, анан экөө жалгыз калганда Жаркынай:

- Эми бул үйгө отурба, кайда барсаң ошол жакка бар, - деди жиндене.

- Жакин, менин сени кандай сүйрөөмдү билбейсиң, - Башын жерге салып жооп берди, - Өзүм үчүн эмес экөөбүз үчүн ошенттим.

- Кереги жок болчу, мен сенин ата-энеңе баары бир барбайм, сен үйдөн кетесиң! - деди катуу айтып, - Мага мын6дай оюндун кереги жок.

- Кечирчи Жакин, сенден ажырагым келбейт.

- Даниелдин атасы келсе эмне деп жооп берем, сен ошону түшүнөсүңбү?

- Түшүнүп турам.

- Мен сага бир миллион сом беремин, мени тынч кой!

- Эмне? - Жоомарт аны көзүн чоң ача карап туруп калды.

- Бир миллион сом берем деп жатам.

- Кызык, - Жоомарт ойлонуп отуруп калды: "Бир миллион акча оңойбу, алып алган соң үй алып, аял алып жашасам деле болот го, эмнеге болбосун, жо-ок, мен сүйүүмдү акчага алмаштырганым болбойт, элге дагы уят боломун, атамдар эмне дейт, калп айтып эки жылдан бери жашап жатам, балабыз бар деп алып эми башка аял алсам атам мени балалыктан кечип эле коет", - деп ойлонуп туруп сыртка чыгып кетти. Ал чыгаары менен Жаркынай Нуралыга телефон чалды.

- Ало-о Нуралы барсыңбы? - деди эле анын тааныш үнү угулду.

- Жайчылыкпы Жаркын?

- Жайчылык эле, менин сага айтаар сөзүм бар эле.

- Кечинде барайынбы?

- Жо-жок, каерден жолугалы?

- Баягы эле ресторанга кел.

- Жарайт, - деп Жаркынай кийинип чыкса Жоомарт эшиктин алдында туруптур.

- Кайда? - деди ал.

- Даниелдин атасына.

- Эмнеге? - Чекесин тырыштыра карады.

- Уулун сагыныптыр.

- Сени эмеспи?

- Балким экөөбүздү тең, мен эшикти бекитишим керек, - деди ага.

- Чык дегениңби?

- Үйдө эч ким ок эмеспи.

- Ишенбейсиң го? - Нааразы боло карады.

- Бир-эки саатта келип калам, сен ойлонуп мен айтканды чеч, - деди да унаасына баласын отургузуп таңып коюп рулга отурду да жөнөп кетти, Жоомарт ызалуу кала берди: "Сени шашпа, көнбөгөндө кайда барат элең, күйөөң таштап кетсе дагы ошону сыйлап жатасың, чиновниктерден болсо керек", - деп карап турду. Жаркынай Нуралы менен бирге отурду, уулун алып отурган Нуралы.

- Угуп жатам, сөзүң бар беле? - деди.

- Мен турмушка чыктым, кааласаң үйдү бошотуп коем, - деди ал түз эле.

- Ал кандай неме? - деди Нуралы оңдонуп отура көңүл буруп.

- Баламды өз атасындай караарына ишенем.

- Баланы өзүм карайм Жаркын, ал сенин кадырыңа жетсе мен эмне демекмин? - деди терең дем ала, - Ал үй сеники, кайрылып алынбайт.

- Эжемдер таап болбой үйлөнтүп коюшту, сен өзүң башында багыңды байлабайм, уруксат дегенсиң туурабы?

- Туура, каршы эмесмин, бирок балама мени ачык айта жүр.

- Жарайт, анда биз кетели, кең пейилдигиңе ыраазымын, - деди да сыпаа гана коштошуп унаасына отуруп жөнөй берди. Ал келгенде Жоомарт ички бөлмөдө уктап жаткан: "Демек кетпептир, үйдү чачып бирдеме издээр бекен дедим эле", - деп ойлонуп баласын жаткырып кечки тамакка камынды.

- Жаркын, келип калдыңарбы? - деп Жоомарт кирди.

- Ооба, өзүң кандай чечтиң?

- Жаркин, антип мени кыйнабачы, ата-энемдин колунда жоктугун билип мени мазактап жатасыңбы?

- Мазак деп билсең өзүңдөн, бирок мен сага чын дилимден айттым.

- Мен сүйүүмдү акчага алмаштырбайм.

- Ыраспы? - Жаркынай күлө карады, - Эки миллион берсемчи?

- Жаркын, сен менин никелүү аялымсың, мен сенден акча алып сүйүүмдү жогото албайм, сенсиз жашай албай кандай абалга түштүм, неге түшүнбөйсүң, эгерде сен кабыл ала албасаң мен сенден бир сом албаймын, жер кезип махабатым үчүн селсаякка айланамын, сүйүүмдү дал ошентип далилдейм! - деп чыгып бара жатканда:

- Жоомарт! - деди Жаркынай, - Мен макулмун.

- Чынбы? - дароо артына бурулду.

- Ооба, мен сага ишендим.

- Жакиним, алтыным менин, - Экөө кучакташып көпкө турду, дагы канчага чейин турат эле ким билет, Даниелдин үнүнөн бөлүнүштү.

- Баланы карайын.

- Экөөбүз карайбыз.

- Макул, - деп Жаркын бажырая күлүп койду, экөө баланын бөлмөсүнө кирсе ойгонуп ыйлап жатыптыр, - Жарыгым го менин, балапаным го, кардың ачтыбы уулум? - деп коюп өпкүлөп жатты, Жоомарт дагы эптеп жагынмак болуп:

- Кел уулум, келе гой мага, - деди эле наристе ага боюн таштады. Алар ошентип жашап калышты, бир күнү телефон чырылдаганынан Жаркын ала койсо Бектин үнү угулду:

- Ало-о Жаркынай кандайсың?

- Ким экен бул?

- Унутуп калдыңызбы, мен Бекмин.

- Аа-а саламатсызбы?

- Саламат, уулуң чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, өзүңүз кандайсыз?

- Жакшымын, мүмкүн болсо жолуксак кандай болот?

- Бара албайм го, күйөөм экөөбүз конокко бармакпыз.

- Турмушка чыгып алган белең?

- Ооба, көп болду.

- Кечиккен экенмин да, - Күлгөнү угулду.

- Эмнеге андай дейсиз?

- Жактырып калдым эле да...

- Жакшы туруңуз, - деп Жаркынай трубканы коюп койду.

- Ким? - деп Жоомарт үстүңкү кабаттан түшүп келди, ал үстүңдөгү телефондон угуп кел жаткан.

- Бир тааныш.

- Сүйүп калган го? - Кызганычтуу карады.

- Балким, бир гана таанышканбыз, телефонду таап алыптыр...

- Менин алтыным десе, сүйсө сүйө турган аялсың, - деп Жоомарт аны кучактап калды, - Мага кайра турмушка чыкканыңа өкүнгөн жоксуңбу?

- Жо-ок, неге андай дейсиң, же мага ишенбейсиңби?

- Ишенем жаным, бирок кызганып да кетем.

- Эмнеге?

- Сени катуу сүйөмүн, башкага алмаштыргым келбейт.

- Мен дагы алмаштырбайм, - деп Жаркынай күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөп көзүн жумду: "Чын сүйөбү же менин байлыгымды сүйөбү, андай болсо мен берген акчадан баш тартмак эмес", - деп ойлонуп отурду.

- Жакин, - деди Жоомарт көптөн кийин.

- Оов айта бер жаным.

- Мен соода кылып же бир иш баштайын..

- Эмнеге андай дедиң?

- Бирөөнүн оокатын ичип отурганыма уялып жатам.

- Меники-сеники болбошу керек го?

- Жо-ок, күйөөңдүн бергенин айтам, бекер оокат болбойт го?

- Ал баласына берип жатпайбы.

- Ошентсе деле...

- Капаланба, мен сага бир бизнес ачып берем.

- Жарайт, антпесең бекерчиликтен тажап бара жатам.

- Шашпа, өзүң кожоюн болосуң, - деп күлүп койду Жаркынай, ошентип ал бир иш ачмак болуп Нуралыга сүйлөштү да документтерин даярдатып Жоомарттын атына бүтүрдү, эки-үй айда ишке кирише баштады, Жаркынайдын дагы боюна болуп калды, Жоомарттын сүйүнгөнүнө айтпа, ага машина менен права алып берген, мурда эле ал айдоочу болчу. Иш баштаганда ата-энесин, Талгаттарды чакырып алып кубанычтуу бакылдап жатты. Зуура ушул келиште беш-алты күнгө калып калды, небересин көтөрүп ойнотот, жалынып-жалбарат, аны көргөн Жаркынай өзүнчө эле жаман боло берчү болду. Зуура кетмек болду эле Жоомарт өзү жеткирмек болду.

- Жакин, экөөбүз тең эле айылга барып келбейлиби? - деди анан, экөө эки машина менен барып анча-мынчанын көзүнө көрүнсөм деген ойдо эле.

- Эжем менен акемдер жакында эле келип кетишпедиби, андан көрө апаңды таксиге салып акчасын төлөп кой, - деди Жаркынай.

- Апаң эмес апам де, - деп мурдунан чымчый эркелеткен болду.

- Болуптур эмИ, апамды таксиге эле сал, иш баштоо үчүн канча акча сарпталды, эми иштешиң керек, - деди Жаркынай, - Салган акча жемишин бере баштаганда анан көрөбүз.

- Туура, - деп унчукпай калды Жоомарт, анын айтканын түшүндү, эртеси Зуурага белек-бечкек алып берип таксиге салып жөнөтүп ийди.

- Балам, эми эсиң менен бол, жашооң кудайга шүгүр, элге журтка шерменде кылбай тынч жашагыла, - деди Зуура жөнөп жатып:

- Ооба апа, кам санабагыла.

- Жакшы тур айланайын, - Зуура жөнөп кетти, Жоомарт: "Апам өмүр бою жетишпестик менен келди, эми ата-энемди шаарга алып келип багышым керек, мен күндө эт жеп отурсам алар бир айда бир эт жешет, мен ата-энеме өлгөнчө сый көрсөтөйүн", - деп ойлонуп үйүнө келди. Ачкан фирмасы чыгарган продукция адегенде эле жакшы кетти, улам жумушчуларды алып, кеңейтип жатып бир жылда кадимкидей бутуна туруп алды, ага сырттан көз салган Нуралы эле: "Налогчулардан", ошол куткарат. Иши илгерилеп жатты. Жаркынай кыз төрөп алган, атын өзүнүн апасынын атынан Жамийла деп коюшту, Жоомарт кызын аябай жакшы көрөт, Даниелди Жаркынай Нуралыга жолуктуруп турду, ага Жоомарттын ичи тарып кеткени менен айтпайт, ичтен сызып тим болот. Иши жүрө баштаганда Акматты аялы менен чакырып алышты, алар иштеп алар менен бирге жашап калды, эки баласын айылга таштап келишкен. Жаркынайдын кийген кийими бир баа, ичкен тамактары кул жебестен экенин көрүп Гүлсүн ичинен суктанып: "Биз дагы ушундай жашоого жетсек экен, Акматтын айлыгы жакшы болсо адегенде үй алышыбыз керек", - деп ойлонуп жүргөндө Жаркынай алардан жүдөп кетти да Жоомартка:

- Жоомарт, акемдер батирге чыгып жашашсын, - деди жаткандан кийин.

- Эмнеге, кең үйгө батпайбы? - деди өзүнүн баягы түркөй түшүнүгү менен.

- Аларга деле жакшы болот, сен айт, батирге чыгышсын, мен күндө аларга тамак-аш жасаймбы же балдарымды караймынбы, повар болуп казандан башым чыкпай калды го?

- Жеңем өзү деле жасайт, сен жөн эле гой.

- Шаарда нан табуу кандай экенин билишсин да.

- Муну менен эмне дегиң келет?

- Кыскасы мен жүдөп кеттим, айт акеңе, - деди да ары карап кетти, бул анын айттым болду дегени эле, анан дагы кайненесинин ини-сиңдилери шаарга келсе эле алардыкына толуп кетчү болгон, ошондуктан ал туугандарын алыс кармагысы келди, Жоомарт унчукпай калды: "Менин үйүм дегени го, ишкананын бир жылдык пайдасына үй алып берип койсом артка кетет го, анда менин ишкерлигим кайсы, анын үстүнө иштешчүлөр дагы чыга баштаганда кемиткеним болбойт, андан көрө Жаркынды көндүрөйүн", - деген ойдо:

- Жакин, - деди артынан кучактап, - Уктадыңбы?

- Айта бер, эмне дегиң келет?

- Сен мени түшүн, акеме батирге чыккыла деп айта албайм, андан көрө эптеп эки бөлмө жер үй алып берели, айлыгы биздин колдо да, кийин кайрып алабыз.

- Алар канча турат экен? - деди Жаркынай бул ойду туура көрүп көңүлдөнө берип карап.

- Билбейм.

- Мен эртең анда сураштырайын.

- Ошент, жарнамадан карайлы биз дагы.

- Көрөлү, - деп унчукпай калды Жаркынай, ишкананы ачууга ал акчасын короткон эмес, баарын Нуралы жасап бүтүрүп берген: "Эптеп өздөрүнчө кетсинчи", - деп ойлоп турду. Эки-үч күндө алар эки бөлмөлүү алты сотых үй табышты, үч миң доллар турат экен, шашылыш сатып Россияга кетип жаткан жубайлар документтерин даярдап, нотариустан өткөрүп госрегистрден алаары калганда кете беришти, Акмат буга ыраазы болду, Гүлсүн:

- Эмнеге, бирге жашагандан тажаштыбы? - деди туйтуңдап, - Бир жылдай иштесек ошондой үй алат элек да.

- бул деле жакшы го, жер кенен экен, кийин өзүбүз эки кабат кылып салып балдарды алып келип окутабыз, - деди Акмат.

- Кетиргенче шашышты го, күндө жуунуп турганга да болот эле.

- Болдучу, ушуга дагы шүгүр десең, батирге чыкканча, - деп Акмат урушуп койду. Гүлсүн бир-эки айдай особнякта жашаганга көнө түшкөнгө бул үйгө киргиси келбей турду, Жоомарт аларга төшөнчү орун алып келип берди, албетте Жаркынайга билгизбей алып келген болчу. Ошентип алар күндүк тамак табуу үчүн Гүлсүн базарга чыгып кыйналып кетти, өз үйүндө болгону менен күндө эт эмес нан чай менен калып ого бетер жинденип Жаркынайга өчөшө баштады: "Ал ханышадай жашасын, биз карандай чай менен жашайбызбы, сага эле көрсөтпөсөмбү, үйүнө жашаткысы келбей эптеп үй алып берип койгонун", - деп бир лөлүгө барып дубалаган алманы алып барды:

- Силерди көргүм келди, анан дагы көнө түшүптүрмүн, балдарды сагынып кеттим, - деп шыпылдай Даниел менен Жамийланы өөп отуруп калды.

- Көнүшүп алдыңыздарбы?

- Шүгүр, өз үй өлөң төшөгүбүз болуп калбадыбы, силерге рахмат.

- Эчтеке эмес, отуруп чай-пай ичиңиз.

- Отурбай анан, Акмат келгенче барып калам, - деп күлүп жайнап отуруп анан кетпи калды, алманы Жаркынай жебеди, эки баласына берди, өзү алманы жакшы көрчү эмес, алманы кичинекейине аздан согун берди, Даниел бирөөнү-экөөнү жеп алып кечинде шалкылдап жатып калды. Коркуп кеткен Жаркынай дароо врач чакырды да ооруканага кетти, эч ким жок болгондуктан кызын ала кетти, кызы дагы шалдырап жатып калды, врачтар канчалык изилдеп анализ алып текшеришсе дагы оорунун себебин таппады.

- Негедир тамактан болсо керек, - деди врач күмөнсүй.

- Эмне болот, балдарым аман калабы?

- Айта албайм, баары жакшы болгону...

- Эмне болгону, балдарым өлүп калабы? - Жаркынай ыйлап жатты.

- Сабыр кылыңыз, болгон аракетибизди көрөбүз, - деп врач басып кетти, ыйлап жатканына боору ооруган бир аял басып келди.

- Кызым сабырлуу бол, балдарыңдын ден-соолугун ойлоп ыйлап жатасыңбы?

- Ооба, кызым бир аз дурус, уулум такыр көзүн ачпай жатат.

- Эмне дешти врачтар?

- Алар далилин таба албай жатышат.

- Кызым, бирөө жарым угуп калбасын, - Эки жагын карап шыбырап, - Сен муну көзү ачыктарга бар, дуба бар окшойт?

- Эне, ушул бармактай балдарда кайдагы дуба?

- Болот кызым, - Ошол убакта Жоомарт менен Акмат Гүлсүндөр келип калышты, - Мейли мен барайын, - деп аял ары көздөй басып кетти.

- Эмне дейт, жакшыбы деги?

- Ооба, кайдагы жакшылык, эч оорусун таппай жатышат, - Жаркынай көз жашын көлдөтө карады, Гүлсүн өзүнчө коопсунуп турду, бирок ал деле дубаланган алмадан экенин билген жок эле, алар ошентип врачты көздөй бара жатканда Нуралы эки жан сакчысы менен келип калды:

- Даниелге эмне болду? - деди ал Жаркынайга.

- Бирөө эмес, эки балам тең жатат, эмне болгонун билбейм, - деп Жаркынай палатага баштап кирди, Жоомарт эми гана билди анын ички ичтер министри экенин.

- Бул ким? - деди Акмат.

- Бул... бул Жаркынайдын чоң атасынын тагасы болот экен, шаарга келгенден кийин сураштырып таап алыптыр, ошол жардам берип жатат, - Жоомарт жооп тапканына кубана палатанын эшигин карады, Нуралы палатада көпкө кармалбай эле кайра чыгып башкы врачтын кабинетин көздөй жөнөдү, Жаркынай ыйлап жүрөт дале.

- Эмне врачка кеттиби? - деп Гүлсүн жанына келди.

- Ооба.

- Жакшы болуп кетет, көп капалана бербе, кудай жакшы.

- Жеңе, көзү ачыкка алып бар деп бир аял айтты, эмне кылсам?

- Эмне? - Гүлсүн чоочуп эмне дээрин билбей калды, - Эмнеге антти?

- Дубаланган нерсени жеген дейби...

- Тобо-о, ушу ымыркайларга ким эле дубалатып бере койсун? - деген Гүлсүн ичинен уйгу-туйгу болуп жатты:

- Кыскасы жакшылап карагыла, кандай кере болсо баарына дайынмын, - деп ошол кезде башкы врач менен бирге Нуралы чыкты.

- Аракет кылабыз Нуралы Айбашович.

- Баланы аман алып калууңар керек?

- Алла кааласа.

- Жаркын балдардан көзүңдү алба, врачтар карашат, мен чалып турам, - деди да чыгып кетти. Бирок врачтар анализдерден эч нерсе таба албады, Даниел көзүн ачпай экинчи күнгө карады, Жамийла бир аз көзүн ачып эмчек эмип калды, ал тогуз айлык эле. Акматтар кетип Жоомарт Жаркынайдын жанында калып балдарды карап отурушту.

- Даниелдин атасыбы? - деди Жоомарт акырын.

- Ооба.

- Эмне деди?

- Кандай болуп ооруп калды деп сурады.

- Эмне дедиң?

- Эмне демек элем, өзүм да таңмын, экөөнө алма бергенмин, андан мурун тамактанышкан, күндөгүдөй эле эрежеде...

- Кызык, эмне болду экен?

- билбейм да, билсем эки баламды бирдей ушинтип карап отурмак белем Жоомарт? - деп жинденип отурган жеринен тура калды, - Андан көрө сен жанагы кыйын деп жазып жатышкан экстросенсттерди таап кел!

- Эмнеге?

- Бул жерден кетүүгө болбойт, Нуралы билсе урушат, врачтар жокто көрсөтөбүз.

- Эмнеге?

- Эмнеге, эмнеге дебей тезирээк барып таап кел, антпесек баладан айрылып калабыз Жоомарт, - Жаркынай буркурап ыйлап жатты, Жоомарт эчтеке дей албай чыга жөнөдү, гезиттерди карап көрүп бирөөнүн дарегин алып жөнөп барып күүгүмдө ооруканага алып келди. Ал балдарды көрүп эле:

- Дубаланган алма жеген, - деди да окуй баштады, көпкө окуду, бир сааттай отурган соң, Муну өзүңөргө жакын эле аял жасаткан, чоңдорго арналган дуба экен, дагы жакшы эртерээк чыгыпсыңар, биерден чыккыла, үйдөн кароом керек, - деди.

- Кантип чыгабыз? - Жаркынай Жоомартты суроолуу карады.

- Качып кетели анда.

- Болбойт.

- Анда кантебиз?

- Сиңдим, мындайды азыр эле көрүп турган жокмун, ооруканадан качып чыкпасаңар болбойт, - деди Сайкал экстросенс.

- Эмне болоор экен?

- башкысы балдарыңдын сакайып кетиши эмеспи.

- Ооба, туура айтасыз, - Жаркынай ичинен Нуралыдан коркуп турса дагы бел байлады, элдин аягы тыйылган кезде Жоомарт Даниелди, Жаркынай кызын көтөрүп алып чыгып кетишти, үйүнө келгенден кийин дем салып, бирдемелерди окуп жатты, Жаркынай сары санаа болуп: "Кокус болсо Нуралы эмне дейт, ооруканадан эмнеге алып кеттиң дейт го, эки башка атанын азабын тарттым, уулум аныкы эле эмес меники дагы, ага караганда балага мен көбүрөөк күйөм", - деп ойлонуп жатты. Эртеси Жамийла эмгегин эмип ыйлап калды, Даниел кыймылга келип көзүн зорго ачты:

- Ап-па-а...

- Оов каралдым, - Жаркынай баса калды.

- Акырын-акырын, дагы боло элек, ошол алмадан бар беле? - деди Сайкал.

- Болуш керек эле, - деп Жаркынай ашканадан баягы алмадан калганы тарелкада турганын көрүп көзүнө жаман көрүнүп Гүлсүндүн алып келгенин эми эстеди: "Акмак, мен аларга эмне жамандык кылдым, экинчи ушул үйгө келбес болосуң", - деп жини келип алманы үстүнө алып чыкты.

- Мына-мына, дал ушунда, көрдүңбү бул аябай күчтүү да эмес, орточо окулган, сени түпөйүл оору менен ооруп кыйналсын деген, көрө албаган аял бар, - деди Сайкал.

- Эмнеге көрө албайт, мен ага өз акчама үй дагы алып бердим го? - деп ийгенин билбей дагы калды.

- Ким алып келгенин билесиңби?

- Ооба билем.

- Өкүнүчтүү, - деп көзүн жумуп отуруп калды, көпкө оозун кыбыратып отуруп анан Жаркынайга карады, - Эми мунун бир бөлүгү бар.

- Кандай бөлүк? - Жаркынай алая карады.

- Тырмак менен чачты кошуп окутуп үйдүн бир жерине койгон.

- Кантип?

- Ушинтип эле, - деп Сайкал ылдый түшүп эшикке чыкты, - Бирдемелерди сүйлөп жатты, дагы көзүн жумуп алып эшиктин алдында көпкө турду да, - Бул жакта, - деди дарбаза жакка басып, ал тарапта курулуш материалдарынын арткандары үйүлүп турган, Гүлсүн көрүп коебу деп шашып эле кирип келе жатып ошонун артын көздөй ыргытып жиберген болчу, чүпүрөккө оролуп жет жолу түйүлгөн матаны алып чыкты, - Мына мында баары, кудай сактаптыр, жети күнгө чейин мени чакырбасаңар балдарыңдан айрылып калмаксыңар, - деди Сайкал.

- Оо кудай, бул эмне деген шумдук, менден эмне зыян көрдү? - деп ыйлап турганда машина токтоп Нуралы кирди:

- Эмнеге ооруканадан качтың? - Ачуулу карады.

- Сиз ачууланбаңыз, врачтар мындайды билбейт, - деди Сайкал, - Ишенбейт дагы.

- Ал эмне дегениңиз?

- Ошондой, - деп Сайкал баарын айтып берди.

- Сен аны билесиңби? - деди Нуралы Жаркынайга карап.

- Жок, билсем кана...

- Үйгө ким келди эле?

- Адамдар келет да...

- Макул, баланы көрөлү, - деп Нуралы үйгө кирип Даниелди көрүп эс ала түштү, - Уулум, коркутуп жибердиң го? - Эки бетинен өөп жанына отурду, сайкал табылган тырмак менен чачты окуп анан өрттөп жиберди, андан кийин Нуралы шашылыш экенин айтып жөнөп кетти, Жоомарт анын унаасын көрүп аялын кызганып шашыла үйүнө кирди:

- Кандай балдар? - Сайкалды көрүп эс ала түштү, анткени Жаркынай жалгыз эмес эле.

- Жакшы, Даниел дагы көзүн ачты.

- Жакшы-жакшы, иштей албай эле...

- Оо жигит жакшы болуп калган го? - деп Акмат кирди, Гүлсүн келген эмес, өзүнүн абийири ачылып калгандан корккондуктан базарга кетип калган болчу, Жаркынай кайнагасын көргүсү келбей жүзүн барып кетти.

- Бул дубаны жасаткан аял эми оңолбойт, - деди Сайкал.

- Ким жасатыптыр? - Жоомарт таңгала карады.

- Кийин билесиңер, ал силердин эле айланаңарда, тырмактар тырышып күйгөндө өзүнө кайра тийет, адам-адамга жамандык каалаганы мени өкүндүрөт, - деп Сайкал ордунан турду, - Эртең келем, баары артта калды.

- Чай-пай ичсеңиз боло, - деди Жаркынай ыңгайсыздана.

- Жок, жай иче беребиз, башкысы балдарыңар сакайып кетсин.

- Рахмат эже, - Жаркынай узатып чыгып кайра кирди, аны Жоомарт жеткирип келди.

- Жакин, ким деп ойлойсуң? - деди келип эле.

- Ким болмок эле, алманы көтөрүп келген жеңең!

- Койчу, Гүлсүн жеңемби?

- Ооба, деги мен ага эмне кылдым эле айтчы?

- Кантип эле жеңем...

- Мен кайдан билем, деги адамга жакшылык жарашпайт экен да, - деп Жаркынай карды ачканын билди, - Жоомарт, үйгө бир жардамчы албасак болбойт, мен кыйналып кеттим.

- Макул жаным, чын эле сага бир жардамчы керек, - деп Жоомарт ойлонуп калды: "Жеңем ушундайбы, ал эмнеге жамандык кылгысы келди экен, кокус эки бала бирдей өлүп калса эмне болот эле, кой мен аларга барып сүйлөшөйүн", - деп Жаркынайды өөп, - Мен радиоузелге барып келейинби? - деди.

- Макул, тамактанып чыкпайт белең?

- Жо-ок, иш да калды, - деп Жоомарт чыгып кетти, ал келсе Акмат кабак түйүп үңкүйүп отуруптур, Гүлсүн төшөккө оронуп жатыптыр.

- Кел, - деп кайдыгер карады Акмат.

- Жеңеме эмне болду?

- Ооруп калыптыр, - Жер карай күңкүлдөдү.

- Аке, мунусу туура эмес, мен Жаркынайдан укканымда уялгандан жерге кире жаздадым, - деди Жоомарт.

- Мен дагы эми билдим, жанагы аял жаныңарда эле жүрөт деди го, мына буту тырышып кыйналып жатат.

- Анда Жаркынайга билдирбегиле, - деди Жоомарт, - Мен көк тыйыным жок Жаркынайдын арты менен ушул ишти баштап жатканда жөлөк болгондун ордуна минткениңер болбойт да, мурун дагы бир жабагы үчүн андан айрылганмын, аны апам экөөңөр кылгансыңар туурабы? - деп Жоомарт агасына жиндене бакырды, - Бул үйдү дагы балдар менен менин кадырым деп алып берди го, батирде жашасаңар кантет элеңер?! - деп чыгып кетти. Гүлсүндү сабап ургусу келгени менен анын жүзү бозоруп онтоп кыйналып жатканын көрүп унчукпады Акмат.

- Сен жасаткан адамды билесиңби? - деди көптөн кийин.

- Ооба, - Гүлсүн зорго жооп кылды.

- Ооба-а деп коет, ушундан көрө өлсөңчү, Жоомарт туура айтат, сенин же менин атам алып бергенсип өзүбүзчө үйгө ээ болдук, деги сенде бет барбы ыя, эки бала бирдей өлүп калса, минтип билинип турса эмне болот элең, Жаркынай сенин ооруганыңды билбесин, тез арада тап да жандыр! - деп сыртка чыгып кетти. Гүлсүн какшатып, тырышып ооруткан буттарынан өйдө боло албай боздоп жатты, ал түнү жаны кыйналса дагы эптеп чыдады, эртеси барып баягыны таппай калды, тааныбай да калган эле, иши кылып Жаркынайга жамандык кылгысы келип кандай аял экенин баамдабай калган экен. Буту чыдатпай Акматка жетелетип издеп жүргөндө эч жерден таба албады. Айласы куруп кайра үйүнө келди, бүрүшүп үйүндө жатты, аны карап Акмат дагы жумушка бара албай калды. Аргасы кеткенде апасын алдырды, Саада көрүп эле чоочуп кетти:

- Кокуй-кокуй, сен дубадан ооругансың го?

- Апа, ошондой болду, - деп Акмат баарын айтып берди.

- Жамандык кылган болбойт, бирөөгө көр казсаң дагы кеңири каз, өзүң түшүп калууң абзел дейт го, жөн жүрбөйт белең? - дегенде Гүлсүн көзүнүн жашын агызгандан башка эчтеке дей албады, өзү да абдан өкүнүп жаткан: "Жоо кыядан өткөн соң кылычыңды бокко чап", - дегендей өкүнгөндө кеч болуп калган эле, - Сөөккө дуба өтө электе жандыруу керек, болбосо кеч, - деди энеси. Анын көзү ачык же молдо эмес, анча-мынча бала-чаканы эмдемейи бар эле. Түш аяндуу дагы, түшүндө Гүлсүндүн сазга тизээсине чейин батып турганын көрүп кандайдыр бир ак сакалдуу карыянын жардамы менен чыгарган эле.

- Апа, мен өлүп каламбы? - деди Гүлсүн жалдырай.

- Өлбөйсүң кызым, сенин оюңду тазалаш керек, ич күйдүлүк, көрө албастыкты кой, - деп эне кызын Акмат сыртта жүргөндө кейип отурду.

- Анан эмнеге анда бар бизде жок, эки кабат үйүнө батырбай шүмүрөйгөн үй сатып берип бизди чыгарып жиберишти.

- Акылың аз кызым, ар ким өз пешенесине жазганын көрөт, бул үйдү сага мен да алып бере алмак эмесмин, өзүңчө үй-жайың болгону жакшы эмеспи, өмүр бою алар менен бирге жашай бермексиңби?

- Үйдө тамак-аш жок отурабыз, ал май чайнап отурат.

- Ушундан көрө айылдан келбей койбойт белең, мындай ичи тардык менен сен өсө албайсың кызым, мени ук, - деди да сыртка чыгып Акматты чакырды, - Молдо алып кел, ал молдо болсун, болбосо муну кайтара албайбыз.

- Макул апа, - Акмат молдого кетти, Саада кызына көп нерселерди айтып отурду, Гүлсүн жаны кыйналып тырышканда: "Экинчи бирөөгө жамандык каалабай калайын, балдарымдын маңдайында тынч аман ден-соолукта жүрсөм эле болду", - дегени менен эс ала түшкөндө эле Жаркынайга ичи тарлык кыла берет. Акмат чоң молдону алып келди, ал дем салып отуруп көпкө оозун кыбырытап окуду, анан Гүлсүнгө карады.

- Сен дагы эки күн кечиккенде таптакыр баспай калмаксың, бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт деген бар кызым, бей күнөө бирөөнү каргасаң асманга үй тийип, жерге үч тийип кайра каргаган кишиге тийет, бул дубаны цыганга окутупсуң, дагы жакшы...

- Сакайып кетеби айланайын?

- Сакаят, - Молдо Гүлсүнгө кайрылды, - Бутуңдун ооруганы басаңдадыбы?

- Ооба, бир аз басылды.

- Эми дагы бир окуйм, жети күн дем салган соң жети күн эс алдырып кайра жети күн дем салам, оңой ойлобо, ошондо дагы дилиңди тазарт, - деди молдо.

- Макул, сизден эм жүрсө эле болду, - деп көзү жашылданды Гүлсүн. Жоомарт Жаркынайга сүйлөй албай калды, кызы кадимкидей болуп ойноп калганы менен Даниел көп шалдырап, ойногонго көңүлү жок, тамакты дагы жакшы ичпей жатты. Экөө ошону үчүн да кер-мур айтышып кетчү болду, Зуура кудагыйынын шаарга кеткенин угуп ал дагы жетип келди, келгенде Жаркынайдан жылуу сөз укпады. Ал неберелерин өөп жыттап бакылдап жатканда:

- Мен бир кудайдан башкага ишенбейм, - деп алып келгендерин сыртка чыгарып койгондо анын күйбөгөн жери күл болду.

- Эмне болуп кетти ботом, мен эмне жаман нерсе алып келдимби?

- Келиниңиз дагы жаркылдап келип балдарыма алма берип кеткен, көрсө атайын дубалатып алып келиптир, эми барып келиниңиздин абалын билиңиз, - деди Жаркынай тастаңдай.

- Кудая тобо-о, мен аны үйрөтүп коюпмунбу?

- Анын айынан эки балам бир өлүмдөн калды.

- Эмне дейт? - Түшүнө бербей келинин ормое карады.

- Ооба, башынан мени жактырбаганыңарды билем, Жоомартты дагы сүйбөйм кере болсо, балаңар көчөдө калганынан оңдоп жолго салайын деп жууп тазалап койсом бет тырмачылык кылып үстүмө кирип келди, керек болсо.

- Жаркын! - деп Жоомарт кирип келди, Жаркынай баарын айтып коймок болгон, ал азыр баарына кайыл болчу, - Эмне деп жатасың?

- Чындыкты айтып жатам, мен үчүн азыр балдарымдын гана өмүрү! - деп Жаркынай үстүгө чыгып кетти.

- Курган жаным ушуну укмак белем? - Зуура кейип отуруп калды, ал алып келген май сүзмөнү Жоомарт киргизди, ал эн дей албады, - Мени эми Акматтыкына жеткир, - деди эле.

- Болуптур, - деп шылкыйган Жоомарт апасын салып алып агасыныкына алып келди, - Ушул үйдү алып берди апа, жакшылыкка жамандык кылам деп өзүнө-өзү кылды, - деди болгонун айтып берип.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, көчүгүн кысып жашай бербей анын бул эмне кылганы? - деп ачуусу менен үйгө кирип кудагыйын көрө учурашып отуруп калды, - Туура эмес кылыпсың балам, - деди анан.

- Мен дагы айтып жатам кудагый, иче турган кудугуна түкүргөн жакшы болмок беле?

- Ошону айтпайсыңбы, ырас эле эки бала бирдей бирдеме болсо эмне кылат элек ыя? - Келинин жаман көрө карады.

- Шерменде болбойт белек, кокус билинбеген учурда дагы эки баланын убалы сага жетпей коймок эмес, аларды көрүп өзүң дагы жай жашай алмак эмессиң кызым, чолок акылдык кылба, өзүңдүн дагы эки балаң бар, - деп экөө эки жагынан киргенде Гүлсүн чыдабай кетти:

- Мен анын балдарына эмес өзү жесин дегем, - деди күңкүлдөп ары карап.

- Эсиң жок кызым, ал келинде ала албаган кырк жылдык өчүң бар болсо да...

- Ооба десең кудагый, байкуш бул үйдү алып бериптир, кана биздин колдон келгени?

- Ооба, анын таламын талашыңыз, анын колунда бар экен, күйөөсүнө бир чоң фирма ачып берип койду, болгондо дагы арак чыгарат, күчтүү дейт, мен дагы бир-эки жыл Акмат иштеп турса ошондой үй алсак болбойт беле, жактырбагансып муну алып берип бөлө салды.

- Ак кокуй кызым, сенин түшүнүгүңдүн кыскалыгын билбепмин, сенин кылыгыңдан уялып отурам, - деп Саада унчукпай калды, Гүлсүн дагы эле ордунан тура албай жаткан, Акмат эптеп чай алып келди, Жоомарт апасын жеткирип коюп эле кеткен, ал кайра эт-аш алып келип апасын сыйламак болду.

- Алдыңа кетейин, эми үйүңө бара гой, - деди Зуура.

- Ооба, колунда токочу бар бала сүйгүнчүк деп аларды кожодой колдоп калдыңызбы, агасынын жалаң суу менен жашап жатканын көрбөйбү, аялынын көзүн карабай, - деп дагы Гүлсүн какшанып калды, Жоомарт жеңесин жаман көрүп калган эле, тынч жашап жаткан жашоосуна бүлүк салып, балдардын өлүмдөн кайтканы, көзү ачыктын айткандары, дубаланган тырмак менен чач такыр эсинен кетпей койду. Артына кайрылбай чыгып кетти, ал үйүнө келгенде Нуралынын унаасын көрүп ачууланып алды, бирок ага тирелише алмак эмес эле. Сыртта унаасынан түшпөй көпкө отурду, тээ көптөн кийин ал чыгып унаасына отуруп жүрүп кеткенде келди:

- Эмне болду, тиги майлуу токочуң келдиби? - деди сиркеси суу көтөрбөй.

- Ооба, баласы болсо келет да.

- Келсин, - деп креслого отуруп алып: "Эмне кылсам экен, мына сага деп баарын таштап басып кетсемби, көзүм көрүп туруп кантип чыдайм, бул болсо мисирейип сыр билгизбейт, балким жолугушуп жүргөндүр, андай болсо бул жерде эмнеге жүрөм", - деп акыркы сөзүн сыртка чыгара бакырып үстөлдү бир койгондо ашканадан Жаркынай чыга калды:

- Эмне болду сага?

- Жинди болуп бара жатам!

- Эсиңди жый, балдар ойгонот, жаңы эле уктады,

- Ош-шо балдарыңды...

- Эмне дедиң, Жоомарт сен эмне деп жатасың? - Жаркынай анын маңдайынан келди, - Балдардын сага эмне зыяны тийди?

- Мен... мен аны айткан жокмун Жакин, тиги эриң түз эле үйгө келе баштады го, эмне мени экөөлөп мазак кылып отурасыңарбы? - деп ачуулана Жаркынайга карады.

- Жоомарт, эсиңе кел, ал баласына келди да кетти, келбе деп айта албаймын, атасы экенин билип чоңоюшу керек...

- Анда мен киммин?

- Сен кызыбыздын атасы, менин өмүрлүк күйөөмсүң, - Акырын түшүндүрмөк болду Жаркынай, - Ал келгенде мен ашканада болдум.

- Анан, жок дегенде бетиңден бир өпкөндүр...

- Койчу Жоомарт, сенин мени сүйөөрүңдү билем, ошондуктан ага ачык айтып анан сага баш байлаганмын, ал экөөбүз азыр сый гана бала үчүн...

- Ка-алп! - деп дагы үстөлдү муштап ийгенде Жаркынай чоочуп тура калды, - Жаныңды жеп жатасың, сен ошондо мен бир чиновникке токол болуп алганмын деп ачык айтпайт белең? - Өңү кумсара Жаркынайды теше тиктеп калды.

- Эмне дейсиң? - Жаркынай ушул жерде айбаттуу болуп кетти, - Ооба, мен токол болуп тийгенмин, аны сүйгөндөй сени эч качан сүйгөн эмесмин уктуңбу?!

- Ошондойбу, андай болсо кызымды алам да кетем, - деп үстүңкү кабатка көтөрүлгөндө Жаркынай жүгүрүп алдын тосту:

- Кызды алып кете албайсың!

- Алып кетем, ал менин кызым.

- Мени өлтүрүп анан алып кет, болбосо колуңду тийгизбе кызыма.

- Сен дагы жанагы сасыган чиновниктен төрөп аласың, - деп колун түрткөндө тепкичтен Жаркынайдын буту тайып кетип ылдый көздөй ала салып кулап кетти, Жоомарт коркуп кетип кармап башын көтөрө койду, - Жакин кечир мени, Жакин-Жакин дейм, аа-а! - деп бакырып башынан сызылып чыккан канды көрүп эси ооп калды. Ошол убакта Зуура менен Саада Акматты ээрчитип Гүлсүн үчүн кечирим сураганы келип калып экөөнү көрүп коркуп калышты. Дароо тез жардам чакырып Жаркынайды ооруканага алып кетишти, Жоомарт өзүнө келип далбастап жүрөт. Жаркынайдын жаракат алган башын таңып укол беришти, мээ чайкалган деп дарылап калганда Жоомарт бир чечимге келди: "Кызды талашпайм, аман-эсен үйгө баргандан кийин өз алдымча кетемин, мен бул азапка чыдай албайм", - деп ойлонуп отурганда:

- Балам, балдарым эмне болду? - деп сурады Жаркынай.

- Жакин абалың кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Ооба, мен жакшымын, балдар эмне болду?

- Апамдар карап калды.

- Эмне? - деп тура калып жөнөмөк болгондо Жоомарт кармап калды:

- Жакин, этият болчу.

- Жо-ок, мен аларга ишенбейм, эмдигиче эмне болду, жүрү Жоомарт, тезирээк үйгө баралы, - деп ыйлай баштады, сестра менен врач келип айтса дагы болбоду...

Бек ата-энеси тапкан келинге үйлөндү, Айганышка батасын берип жакшылыкча ажырашышты, Улан апасы менен кетти, бирок бала мерез болуп өсүп бара жатты, Айганыштын айланып-кагылганына карабай басып кетет, ансайын ал бечара кайда барса артынан жүрүп көзөмөлдөп турат: "Өз энем болбосо эмнеге аны угам, мени эмнеге таштап кетишкен, неге мени өздөрү бакпайт", - деген суроо жети жашар баланын оюнан кетпейт. Айганыш аргасы кеткенде сиңдисине барып айтты:

- Айчүрөк, Уланга чындыкты айтсак кантет?

- Эмнеге эже?

- Ал биздин сөзүбүздү угуп калган, бакма экенин уккандан бери өзгөрүп баратат, ага тарбия берүү керек, балким ал өзүн жаман сезип жүргөндүр?

- Ильязга айталычы.

- Ооба, ошону кеңешейин деп келгенмин.

- Эми кантип көнөөр экен? - деп Айчүрөк ойлонуп калышты. Айганыш Уланды сиңдисиникине алып келчү эмес, балдары айтып коет деп кызганчу, ошондон кийин ал ээрчитип келип калды. Айчүрөк уулун канчалык кучактагысы келсе дагы эжесинен тартынып тим гана:

- Оо Уланчик чоң жигит болуп калган тура, - деп салкын өөп койду, ал Ильяз менен кеңешкен, чындыкты балдары аркылуу айттырмак болду, Уландан улуусу экөө, андан кичүүсү бир кыз, бир уулу бар. Эң улуусу он бешке чыгып калган. Айганыш ичкери киргенде Улан ойноп сыртта калды, алар аерде эки күн туруп калганда Улан уруша кетти, жалгыз өсүп өзүмчүлдүк, эркеликке көнгөн неме урушуп кеткенде улуусу:

- Улан сен менин инимсиң, таежем сени багып алган, - деди.

- Калп, калп айтып жатасың.

- Чын эле, бар таежемден сура, - деди эсине кирип калган неме жылмая.

- Апа-а! - деп өжөрлүк кыла бакырды Улан, анын үнүн уккан үчөө тең үйдөн атып чыгышты, ачуу чаңырыктан алар бир балээ болуп кеттиби деп чоочуп кетишкен эле, - Апа, мен булардын баласымынбы?! - дегенде үчөө бири-бирин карап туруп калышты, - Апа дейм, мен булардын баласымынбы? - Ого бетер бакырганда Ильяз ичинен: "Баланы багып алып эми минтип ортодо кыйнамак болду, өтө эрке болуп калыптыр", - деп кайнежесине нааразы болуп турду.

- Ооба садага, сен баягыда сурабадың беле, мына ата-энең, - деп Айганыш келип кучактап калды, - Чындыкты ушундайда билгениң жакшы каралдым, айла жок айтууга туура келди...

- Сен чоңоюп калбадыңбы уулум, - деп Ильяз басып келди, - Сен биздин балабызсың, апаң сени жанына караан кылып алып жүргөн да.

- Эмнеге анан мени балаңар урат? - деп Улан кайра ага суроо берди.

- Агасы инисин урат, жүрү үйгө кирели эми.

- Апа, биз бул жерден кетеличи, - деди Улан Айганышка.

- Эмне үчүн кетебиз балам, сен өз ата-энеңди сурачу эмес белең?

- Эми кереги жок, мен сиз менен гана барам.

- Ма-акул каралдым, азыр эле кетебиз, - Айганыш ыйлап-сыктап жаткан, соороно түштү, ал Уланды калып калабы деп корккон эле, кичинекей баланын сөзүнө дем байлай түштү.

- Тамак даяр болуп калды, ичип анан кеткиле, - деди Айчүрөк.

- Апа, мени таштабайсыңбы, ала кетесиңби? - дегенде Ильяз менен Айчүрөк дагы көзүнө жаш ала ары басып кетишти.

- таштабай калайын каралдым, кетебиз азыр садага, - Айганыш калдастай үйдү көздөй Уланды колунан алып кирип келе жатты, күн кечтеп калган, алар тамактангыча күүгүм кирип калды.

- Эми бүгүн жатып алып эртең эрте чыккыла, - деди Айчүрөк.

- Ооба, азыр такси деле чыкпайт, - Ильяз аялын коштоду.

- Кете береличи апа, эртең мен уктап калсам кетип каласың, - Улан апасын жалдырай карады.

- Капырай, өзүм ойготом да балам, сени таштап кантип кетем? - деп өөп башынан сылады Айганыш, - Каргадай болгон каралдым десе, - Улан анын алдына башын коюп жатып алып балалык дүйнөсүнө саякат жасады: "Мен ата-энемди табам дебедим беле, таптым бирок алар мага жат адамдар, болгону таежем тура, баары бир апамды таштай албайм го, кантип мен аларды ата, апа демек элем, экинчи биякка келбейбиз, апамды гана жакшы көрөм, атам дагы келип турат", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Эртеси Айганыш эрте чыкты, жанында кыдыйып Уланы келе жатат, эми ал Жапарга макул экенин билдирип өз тагдырын чечмек. Жапар аны күтүп жаткан, сүйүүбү же жөн эле жактыруубу кыскасы Айганыш өзү жакшы көрөт Жапарды, өзү жаш болсо дагы толук, отуз алтыда, мүнөзү жумшак, бирөөгө жамандык кылмак турсун каалабаган ак көңүл да шайыр да аял. Жапар үч жылдап бой жүрүп анан Айганышты жолуктуруп калды, анын төрөбөстүгүн, күйөөсүн аял алып чыгып кет десе болбогонун укканда акидей эле асылып жатып калган. Экөө бүгүн жолугушмак, Уланды ээрчитип алып Бекке аны таштап коюп барып келме болуп кайрылды эле, кара көздүү кыйгач каш сулуучумак келин ачты эшикти:

- Ким керек эле сизге?

- Мм, - Айганыш башка чапкандай артына бурулду, ал кетип жатканда үйдөн Бек чыга калды.

- Улан, уулум!

- Ата-а! - деп Улан апасынын колунан бошонуп жүгүрүп барып кучактап калды, - Ата, биз сага келгенбиз.

- Кел кире гой.

- Апамчы? - Жал-жал карады, ал балалык дилинде туйганы ортодо чоочун аялдын турганы болду.

- Сен атаң менен бир азга бол балам анан келип алып кетем, - деди Айганыш бурула берип.

- Бүгүн биерде калсын, эртең алып кетсең болот, - деди Бек, анын сөзүн уккан аялы үйгө кирип кетти, Айганыш кантсе дагы ичи тызылдап короону бир карап алып чыгып кетти. Бек Уланды ичкери киргизди, өздөрү тамактанып отурушкан эле.

- Аялың ушулбу? - деди Алтын каш-кабагын жыйрый.

- Ооба, бул менин уулум.

- Ата бул ким? - деди Улан акырын.

- Бул эми сенин апаң болот уулум, - деп Бек күлгөн болду.

- Ыкы, менин апам Айганыш да, башка апанын кереги жок!

- Шүк балам, антип айтпа, апаң таарынып калат, - деди Бек, ыңгайсыздана.

- Өз балаң болсо таарынмакмын, мунун эмнесине таарынам? - деп Алтын кабагын карыш түшүрдү.

- Кой Алтын, жаш баланын көзүнчө антпе...

- Болуптур эми, балаң менен отуруп тур, мен дүкөнгө барып келем, - деп тултуңдай чыгып кетти.

- Ата, жаман аял экен, - деди Улан ал чыгаары менен.

- Кой уулум антпе, ал жакшы эле аял.

- Эмнеге апам менен ажыраштыңар?

- Апаң өзү кетип калбадыбы.

- Ооба сага, мен баарын билем, мен Айчүрөк таежемдин баласы турбайынбы, анан сен балам жок дейт экенсиң го? - дегенде Бек унчукпай калды, - Эми жанагы аял төрөп береби?

- Билбейм уулум.

- Анда мени карабайсыңбы?

- Эмнеге, сен менин уулумсуң, дайыма уулум болосуң, - деп Бек баланын суроолоруна жооп берүүдөн тайсалдап телевизорун койду, - Мултик коюп берейинби балам?

- Макул, - деп диванга отуруп алып видик көрө баштады, Бектин санаасы санга бөлүндү, аргасыз баарына көнмөк болду, Айганыш Жапарга жолугууга барып экөө болжошкон жерден жолукту.

- Кел Айганыш? - деп Жапар тозуп алды.

- Келдим, кандай жүрөсүң?

- Жакшы эле, бир чечимге келдиңби?

- Ооба, күйөө келсе кыз даяр, - Экөө тең күлүп калышты.

- Анда кеттик.

- Кайда? - деп Айганыш андан таңгала сурады.

- Бизди күтүп жатышат, ата-энем үйлөн деп жан койбойт, аялым болсо алда качан күйөөгө тийип кеткен.

- Жапар, - деди ойлуу Айганыш, - Терең ойлондуңбу?

- Эмнени?

- Биз жашап кете алабызбы?

- Жашайбыз, бири-бирибизди жактырабыз, - Жапар олдоксон келиндин толук белинен алды, - Кере болсо сүйөбүз туурабы?

- Эми сүйүүнү кое туралы, жашап кетээрибизге көзүбүз жетсе болду.

- Эч кабатыр болбо, атамдар нике кыйдырып коюп эле кетишет, анан экөөбүздүн эмне талышыбыз болмок эле, ынтымакташып жашай беребиз, - деп Жапар анын толук колун кармады, - Бол эми бир машина жалдайын.

- Жапар, уулум мени менен болоорун билесиңби?

- Ооба, анын баарын айтканмын Айганыш.

- Анда таксиге түшкөн соң аны алып алалы ээ?

- Мейли, кайрыла коебуз, - деп ичинен кыйылганын билгизбей жол боюндагы таксиге сүйлөштү да Айганышка колун булгады, алар Бектин үйүнө кайрылып Уланды алышты да Ак-Ордо жаңы конушун көздөй жөнөштү. Жапар калдаңдап таксиден түшүп үйгө карап Айганышты колдон алып жөнөдү, аларды бир эки аял утурлап чыгып үйгө алып кирип жоолук салышты, Улан жанында жүрөт, аялдар күбүр-шыбыр болуп өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты. Жапардын бир-эки жолдош баласы жүргөн, алар менен ичип алган экен бакылдайт тим эле. Ал күнү кой союлуп, молдо чакырып нике кыйдырышты, Уланбек бала болсо дагы баарына күбө болду, Айганыш кайнене-кайнатасына жакты, Жапарды өзүнчө чакырып алып:

- Эми тынч жаша, балпайган жакшы келин экен, - деди апасы.

- Бала-чакаңды таштап ичип кеттиң эле, эми көп ичкениңди кой, - деди апасы, - Эгер мындан ажырасаң үйгө барба, үстүңдө үйүң турат, жакшы жаша.

- Ооба ата, жакшы жашайм, - Башын дерге сала жооп берди.

- Эсиң менен бол, кайра-кайра катын алыш оңой эмес.

- Ата, ата-энеси же эжелери келсе кантем? - деди Жапар.

- Союш берип ийем, акчаны ошондо берем, өзүңөр тозуп алгыла.

- Макул.

- Мейли балам, өзүңдү жакшы кара, - деди да кетишти, туугандары дагы өз-өз алдынча кетти, Жапар ичке кирип:

- Айганыш, атамдар сага жактыбы? - деди отуруп жатып.

- Жакты, өзүң жакпай турасың.

- Эмнеге? - Жалт карады.

- Ичпейм дедиң эле, кечээтен бери ичип жатасың го?

- Аа-а, - Жапар күлгөн болду, - Эми үйлөнүп жатсам ичип коем да.

- Мындан ары ичпегин ээ?

- Болду алтыным, турмуштун сабагын жакшы эле алдым.

- Ооба, экөөбүз тең базарга чыгалы, ата-энеме киши жиберейин, унчукпай жүрүп алганыбыз болбойт, - деди Айганыш, Жапар анын ар бир айткан сөзүнө баш ийкеп отурду, Улан эл кеткенден кийин:

- Апа, сен дагы күйөөгө тийдиңби? - деди акырын.

- Ооба балам, сен мага таарынган жоксуңбу?

- Жо-ок, - Саамга ойлонуп калды, - Эмнеге антесиңер, мени багып алганга капаландыңарбы? - деди көптөн кийин.

- Жок уулум, жашоо ушундай да, сен чоңойгондо баарын түшүнөсүң, - Айганыш уулун чекесинен өптү, - Көп ойлонбо, Жапар жакшы адам.

- Атамдай эмес да.

- Кой антип айтпа, укса таарынып калат.

- Мен аны таарынтайын деген жокмун, кийин мен бала багып алсам ажырашпайм, - деди бала болсо дагы көп нерсени түшүнгөндөй.

- Садагам менин, - Айганыштын алтымыш тамары зыркырап жүрөгү сыздап кетти, - Кечир бизди, сен жакшы адам болуп өсөсүң, менин сенден башка эч кимим жок, мени бага турган сенсиң да.

- Анда күйөөгө тийбей эле койбойт белең?

- Болду садага, мен төрөбөй калбадымбы...

- Эмне үчүн?

- Билбейм.

- Капа болбочу апа, - деп кучактап өөп-өөп алып унчукпай отуруп калды, Айганыш дагы телмире бир жерди теше тиктеп жаш баланын жүрөгүнө катуу тийгенине ичинен өкүнүп турду, бирок кеч болуп калган эле, Жапар балага катуу боло турган көрүндү, Айганыштын күйөөгө тийгенин угуп ата-энеси улуу агасы менен эжесин, сиңдисин анын үй-бүлөөсү менен он чакты кылып жөнөтмөк болуп айтып ийишти, алар анын жүгүн буюмдарын ала келмек болду, Жапар чыйпылыктап ата-энесине барып союшун алып келди, келээр күнү ата-энеси дагы келген. Ошентип үйлөрү толуп, эки бакыр, бир тукур дегендей тиричилигин өткөрө башташты, Айганыштын чогулткан бир топ акчасы бар эле, Жапарды көндүрүп соодага киришти. Мөмө жемиш сатып керээлден кечке базарда болушат, Улан жанында, Жапар улам товарды ташып турат, бирок ар күнү Жапардын ичип алганын байкады Айганыш.

- Жапар, бир тыйындап чогултуп жатсак сенин ичип алганың эмнең? - деди бир күнү кечинде үйгө келгенде.

- Чарчаганда бир аз эле...

- Мунуң болбойт, мен чарчабай эле ойноп жатамбы?

- Айганыш, сөз берем, эми ичпейм, - деп жер карап нымтырады Жапар.

- Болуптур, дагы байкасам басып кетем Жапар, менин эчтекем коробойт, - деп катуу айтты Айганыш, жанында жүргөн Улан бир күнү:

- Ата-а! - деп кыйкырган бойдон жүгүрүп кетти, артынан карап калды, көрсө Бек өзү продукты алып жүрүптүр, - Апам биякта, - деп ээрчитип келди, Бек менен Айганыш бир саам тиктеше туруп калышты, алар ушу азыр гана бири-бирин жакшы көрөөрүн сезип турушту, көрсө турмуштун ачуу чындыгына туруштук бере алышпай күнүмдүк жашоонун кызыкчылыгы үчүн гана бири-бирине салкын болуп кетишкен экен.

- Кандай Айганыш? - деди анан озуна Бек.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Жүрөбүз, азык-түлүк алганы келдим эле...

- Биз соода кылып жатабыз.

- Жакшы, - Бек уулуна карады, - Уулум мени менен барып бир-эки күндө келбейсиңби апаңа.

- Апа, бара берейинби? - деди Улан.

- Бара гой уулум, кайра жеткирип кой ээ атасы? - Мээримдүү күлүмсүрөдү.

- Өзүм алып келем, - деди да жетелешип кетип жаткан ата-баланы ичи сыйрыла карап турду: "Бир балабыз болгондо эмне, аттиң арман ай, биз жаңылышкан экенбиз, өзүмдөн кетти, Жапардын өң-түсүнө, балдарым бар, төрөбөгөнүң кеп эмес десе эле Бекти балалуу болсун дебедимби, кантсе дагы тагдыр бизди өзү кошту, кайра бөлдү", - деп телмирип Улан менен Бек кеткен жакты карап турганда Жапар келди.

- Ой сага эмне болду? - Ал дагы кызымтал эле.

- Эчтеке, өзүңө эмне болгон?

- Эмне болуптур, жөн эле турам, - Жыттанбасын дегендей боюн ала качып ары басты.

- Эмне деп сүйлөштүк эле Жапар?

- Бир эле куюм ичтим.

- Болбойт, тамчы ичкениңди көрбөйүн.

- Болду - болду, жанагы балаң кайда кеткен?

- Жанагы балаң эмес Улан де!

- Улан кайда кетти?

- Атасына.

- Өзү элеби?

- Ооба, - деп койду Айганыш, сөздү көбөйткүсү келбеди, мурда кечкисин акчаны үйүнө барганда чогуу эсептечү, кийин Жапардын ичкенин көрүп күндүзү иригин алып өзүнчө катып коюп жүрдү. Анткени ишенбей калган эле: "Балам быйыл окуйт, кийим-кече кылам, мектебине керек болот", - деп ойлоп өзүнчө чогулта баштаган. Ошол күнү сооданын акчасы абдан эле аз болуптур, Айганыш миңдиктен үчтү катып койгон эле, күндө жети сегиз миңге жетет эле:

- Бүгүн соода жакшы эле болуп жатты эле го? - деди Жапар.

- Кечке кайра товарга кетип жатпайбы.

- Аның го ырас...

- Товар көп, эртең түшкө чейин жетет, күндө эки киши жүз сомго тамак ичебиз, кайра чай ичебиз ойлобойсуңбу, ажатканага канча жолу барасың, эсептечи.

- Болду-болду байбиче, товар көбөйсө экөөбүздүн пулубуз да, - деди Жапар кайсаңдай.

- Ооба, буйруса тигил жакта эле он миңден ашык товар бар да, - деп Айганыш өз сөзүн ырастады, ошентип өздөрүнчө ой жүгүртүп кардын тойгузган соң жатып калышты, Жапар өзүнчө ойлонуп калды: "Менин ичкеним үчүн бул ишенбей жатат, кантсе дагы үнөмдөп көнүп калган экен, баласынын ичип жегенин эсептечү эмес эле, кой ичпей адам болбосом бул дагы кетип калбасын, өзү айткандай мунун эмнеси калып жатты эле, төрт жүгүн жүктөп алып кете берет, мага эле жаман, каңгырап ээн тамда калам", - деп ойлогону менен эртеси эле кайра кызуудан жогору болуп келип калды, келгенде дагы Айганышка тийишип келди:

- Эмне болду, жиниң келип жеп ийчүдөй караба!

- Бул эмне болгон түрүң?

- Түрүмө эмне болуптур, досторум жолугуп ак жоолугуң кут болсун деп жууп беришти, - деп жанына отура кетти.

- Бир күнү досуң келсе, бир күнү чарчаганыңдан ичип деги бир ичпеген күнүң болдубу, ушул үч айдын ичинде таза күнүң болбоду го? - Айганыш соода кылып жаны тынбай жатып сүйлөй берди.

- Кечирип кой Айганыш, экинчи ичпейм.

- Убадаңды уй жеп эле келе жатат го?

- Эми жебейт.

- Көрөбүз, бар тигил чай саткан кызды чакырчы, башым ооруп кетти, ысык чай ичейин, - деди аны эптеп кетсин дегендей.

- Мен дагы ичем.

- Экини де анда, - деп койду Айганыш, ал ары кетээри менен миң сомду бөлүп алып койду: "Бул адам болбойт экен, жардам берип жүрө берсин, койбосо баламды алам да кетем", - деп ойлоп турду. Ошентип оомалуу-төкмөлүү турмушта убакыт билинбей өтө берди, алар бирде урушуп, бирде талашып убакыт өтө берди...

Бек Уланды ээрчитип киргенде эле Алтындын түрү бузулду: ага көңүл бурбай эле ичкери кирди.

- Эми муну кайдан таап келе калдың?

- Кайдан тапканы эмнеси, уулум экенин унуттуңбу?

- Ушу сеники өтүп кетти, - деп булкуна ички бөлмөгө кирип кетти, бала болсо дагы баамдаган Улан:

- Ата, мен апама эле кетейинчи, - деди акырын.

- Эч кайда кетпейсиң уулум, бул сенин дагы үйүң.

- Жаман көрүп жатпайбы?

- Жаман көрбөйт, жөн эле айтып жата балам.

- Мени эмнеге жаман көрө беришет?

- Кимдер?

- Жапар аке дагы мени жактырбайт.

- Жаман айттыбы?

- Жо-ок, апамдан коркот, ал жокто мени акшыйып карайт дейсиң, качып кетким келет, мен айтпай качып кетсем апам ыйлап калат да, - деди Улан улутуна, бек ушул ирээт ичи сыйрыла баланын сөздөрүнө жүрөгү ооруп кетти: "Эмнеге ажыраштык, пенде экенбиз да-а, Айганыш эле балалуу бол деп туруп албадыбы, эми Алтындын деле боюна болоор түрү жок, же өзүмдөн болуп жүрбөсүн", - деп ойлонуп отуруп калды.

- Чай ичкиле, - деп бир кезде Алтын баш бакты.

- Азыр, кана уулум кардың кандай, чай ичебизби?

- Кардым ток, - деди Улан.

- Кой, биз менен отуруп ич, - Бек болбой ашканага алып кирди, отурганда көзүнүн кыйыгын Алтынга жиберсе ал аны акшыя карап туруптур, колундагы нанды коюп туруп кетти, Бек анын артынан:

- Кайда барасың Улан? - деди.

- Ичпейм!

- Мейли, анан тамак ичесиң, - деп тим болду.

- Бул бала кишиге жакшылык кылбайт, - деди Алтын.

- Алтын, ал азыр бала да, эрегише бербе.

- Өлүп кетпейби, көз карашы жаман.

- Мен багып алган атасымын, анын өз ата-энеси бар, ал сага таштанды эмес, - деп Бектин жини келе карады.

- Чарчап кеттим деги, - деп чайын ичпей Алтын дагы туруп барып Улан отурган бөлмөгө кирди, - Бузасың тийбе! - деди ага кыйкыра, ал телевизорду коюп пультун кармалап жаткан эле.

- Эмне болуп кетти? - деп Бек жетип келди.

- Пультту талкалайт, - деди тултуңдай.

- Аны кандай коюшту ал билет Алтын, мен телевизор двидини ушуга алып бергенмин.

- Алып берсең алып кетсин!

- Сен эмне болуп жатасың, ал кетпейт эч жакка, кеткиң келсе сен кете бер! - деди Бек ачуулу, - Алтын баштуу бала төрөп берсең дагы кечтим!

- Эмне, чын айтып жатасыңбы? - Акшыя карады.

- Төрөсөң эмдигиче белгиси болмок, бара берчи деги, сенден өзүм дагы тажап кеттим, - деп отуруп алды, Алтын ыйлап-сыктап кийимин чогултуп жөнөдү.

- Кет десе ит деле кетет турбайбы, мен дагы тажап кеттим сенден, мына кетип жатам, - деди эле Бек козголбоду, ал бир аз туруп анан чыгып кетти, анын кеткенине Бек кайгырган дагы жок, ашканага кирип эт туурап тамак жасоого киришти, кеч кирип Улан экөө тамактанып отурушканда Алтын эжесин ээрчитип келип калды:

- Ай бул эмнең ыя, талаада жаткан ким бар экен, сурап алаары жоктой кааласаң кетирип ийгидей кимсиң өзү? - деп алкынып кирди ал.

- Өзүнө-өзү кылды, - деди Бек ага.

- Эмне кылып жиберди ошончолук эле.

- Тетиги шүмшүгүнүн айынан болду, - деди Алтын бышыктап.

- Оозуңа карап сүйлө, шүмшүк эмес менин балам ал.

- Ии-ий, көрдүм балаң экенин, анда аялың менен эмнеге ажырашып муну алдың эле? - деп ээликтей оозун түйрүдү эжеси.

- Андай эле керек экен алып кетиңиз, мындай аялдан балалуу болгонумча Уланым менен калганым артык! - деп ары карап кетти Бек, - Төрөсө да кереги жок!

- Ой-ой Бек, - Эжеси кайра жоошуй түштү, - Андай дебе, кудай берсе кандай эле кереги жок экен, эми жаштык кылса керек, сен да аны түшүн да, - Жойпулана жанына келди, - Урушпай талашпай жашагыла да.

- Жок, мынча болду жашай албайбыз.

- Капырай кантип ошондой болсун, анча-мынчаны көтөрүп анан жашоо болот да.

- Үч айдан бери кыялдарына тоюп бүттүм, андан көрө жалгыз жашаганым жакшы, өткөргөнүңөр болсо айткыла, - деди Бек көгөрүп

- Жүрү, кетсе кетели, көрөмүн эки күндөн кийин эле барасың, ошондо сүйлөшөбүз, - деп Алтынды алдына салып үйдөн чыгып кетти.

- Ата, мен үчүн кетирип ийдиңизби? - деди Улан.

- Сага сөз тийгизген неме менен жашабайм уулум.

- Анда жалгыз каласыз да.

- Мейли, сен келип турасың, жакында мектепке барасың.

- Ооба, мен болсо тамгаларды таанып алганмын.

- Чын элеби, ким үйрөттү?

- Апам да, - Улан мулуңдай карап койду, - Шар окуганды да билем ата.

- Азаматсың уулум, кийин окумуштуу болосуң ээ?

- Ооба, апам экөөңөрдү өзүм багып алам.

- Алтын уулум менин, - Кучактап башынан өөп отуруп калды.

- Апам экөөңөр чогуу болсоңор кандай сонун болмок, экинчи силерге бакма бала экенмин деп таарынбайт элем...

- Тамак ичели уулум, - Бек туруп тамагын алып келди, экөө мурункудай отуруп тамактанышты, анан жатып алышты, эки-үч күн өткөндөн кийин Бек Уланды апасына алып барды.

- Иш кандай Айганыш?

- Жакшы, өзүңөр кандай?

- Уулум экөөбүз сага келдик.

- Мен апама барам дебедимби, сени сагынып кеттим апа! - деп кучактап өбүшүп калышты: "Эл айтпаса бизге баладай эле болуп калды эле, аа-ай Айганыш сенин кылганың", - деп ойлонуп туруп:

- Анда мен кетейин, - деди Бек.

- Мейли, коштош уулум, - деди Айганыш. Бек башын ийкеп коюп басып кетти, ички сезими бир башкача болуп, жан дүйнөсү алай дүлөй, бороон чапкында калгандай буулугуп бара жатты. Ал өзүн азыр күнөөлүү сезди: "Эгерде мен Каныкей менен жүрүп албасам ал кетем дебейт эле, мага өчөштү, экөөбүздөн тең кетти, эми кайра ордуна келбейт го", - деп өкүнүп эртең жумушуна бараарын эстеп тез-тез басып аялдамага келди да маршруткага түшүп үйүнө келсе апасы келип күтүп жатыптыр.

- Кайда жүрөсүң балам? - деди кары отурган жеринен туруп.

- Иштер менен жүргөнмүн апа, жайчылыкпы деги, - Колунун сүйөп тургузду, - Көпкө күттүңүзбү?

- Азыр эле жеткирди такси.

- Кириңиз, - деп эшигин ачып.

- Биссимилла, - деп Айым эне ичкери кирди да орун алып отургандан кийин унчукпай эне-бала көпкө отурушту, - Уулум, мен баарын уктум, - деди анан.

- Ошондой болду апа, пешенеге келгени ушул экен да.

- Кейиби балам, сен Алтынды кетиргенде башканы кайдан табат элең, Уланды көп өзүңө тарта бербе, эми Айганыш экөөңөр өзүңөр чечтиңер, ага дагы кыйын, бир тууганымдын баласына эмне демек элем, сен Алтынды кайра алып кел уулум.

- Жок апа, эми келбей эле койсун.

- Кой балам.

- Апа, бала же Улан себеп эмес, өзүнүн кыял-жоругу такыр жакпады апа, - деп Бек ажыкыстанды.

- Ошондой болот, Айганыш боло бермек беле...

- Койчу апа, Алтынды көрөйүн деген көзүм жок.

- Анан эмне кыл дейсиң?

- Көрөм да, шашканда эмне.

- Жашың кырка келди, сенин балаңды качан көрөбүз?

- Турбайбы Улан, - деп ашкана жакка басып кетти.

- Ой балам, анда мени Анаркүлдүн үйүнө жеткир кетем, - деп Айым эне уулун коркута кетмек болду.

- Жарыктык десе, аякка эмне бар?

- Эртең ошондон ары үйгө кетем.

- Мен өзүм салып коем.

- Өзүм эле кетем, - деп күүлөнүп алган эне эшикке чыкты, Бек аны тим коюп карап турду, көчө тарапты карап туруп кайра кирди да, - Ушинтип карайдым дечи? - деди.

- Ооба апа, сырымды билесиз го?

- Мейли балам, эми үйлөн деп дагы айтпайбыз, - деп унчукпай калды, ал эртеси апасын айылга салып келип анан жумушуна кетти, оюнда Айганыш менен Улан, аларды эсинен чыгара албай койду... Айганыш Жапарды адам болот деп күтүп жүрүп жадады, акыры бир күнү:

- Жапар, канча айтсам болбодуң, минтип жүрсөк жашообуз болбойт, андан көрө мен өз жолум менен кетейин, - деди жай гана.

- Айганыш, бир аз чыдасаң эми, мен аракты коем, анчалык эле катуу кеткениң болбойт, жардамым тийип эле жатат го?

- Жардамың тийип жатат, бирок адамча жашай албай жатабыз.

- Эми оңолом да, кашайып эле ичким келип кетип лапсимди тыя албай жатпайынбы, - Жапар башын салаңдата күнөөлүү болуп отурду.

- Ата-энеңдин кийинки келгенде айтканы эсиңдеби?

- Ооба, эсимде эмей.

- Анда дагы он күн күтөм, ошол он күн ичинде бир эле жолу ичкилик жыттанып келсең кете берем, - деди Айганыш ачуулана.

- Он күндө кое албайм го, жок дегенде бир ай десең.

- Болуптур, бир ай дагы бат эле өтүп кетет.

- Рахмат Айганыш, эми көрөсүң, бир ай ичинде зыңкыйган жигит болом, - деп күлүп алды.

- Көрөбүз.

- Аз-аздан коюш керек экен да өзү...

- Дагы эмненин башын кылтыйтып турасың?

- Антпесе өлүп калуу мүмкүн дейт.

- Кой калпыңды, кое албайм дебейсиңби?

- Жок-жок Айганыш, чындап эле айттым, - Жапар кайсалактап калды.

- Айттым болду, сенин сас-сып арак жыттанып жанымда жатканыңдан тажап бүттүм, качан бир адамча жатабыз, кийимиңди которсом дагы арак сиңип калгандай буруксуп жүрөктү айлантат, эркектей бол да, жашымды ичкилик жыттанган адам менен өткөрүп ийгендей акмак эмесмин, - деп жиндене ордунан туруп кетти, Жапар унчукпай отуруп калды: "Ырас айтат, ушул бир тамакты таштай албай ит болбоюн", - деп ойлонуп алып кирип жатып калды. Убакыт өтө берди, Жапар сөзүнө тура албады, ичкиликтин бир анты бар имиш: "Жүзүн тапсаң калганын өзүм табам", - деген, анын сыңарындай эле Жапар: "Бир жүз грамм ичкеним билинип калбас", - деп өзүн сооротуп ичип алгандан кийин эле кыйбастары табылып калат, Анысын кантип билбей калмак эле, Айганыш анын кебетесинен эле татып алганын билип коет. Уланды Бек өзү алып кетип мектепке киргизип койгон эле, дем алыш күндөрү алып келип таштап кетет, бир күнү Улан Бек менен отуруп түшкү тамакта:

- Апамды алып келип албайлыбы? - деди капыстан.

- Уулум, анын эми үй-бүлөөсү бар да.

- Ал жаман, күндө ичет.

- Урушабы анан?

- Жок, апам аны ичпе десе ал ичпейм дейт да кайра эле ичип алат.

- Жаман, бирок айла жок уулум, алар үй-бүлөө да, - Бек ойлонуп отуруп калды. Улан атасынын ойлонуп калганынан жакшылыкты күтүп акырын мектебине кетип калды. Айганыш аргасы кеткенде Жапарга айтып туруп эле батирге көчүп кетип калды, Улан ошол күнү дем алыш болгондуктан келип калды. Жапар ошол жерде отурган эле.

- Айганыш, мен эми кайда барам? - деди күңкүлдөй.

- Мен сага соодага чыккандан берки эмгегиңди берем, соода кыласыңбы, ичип жок кыласыңбы өз ишиң, сага ишенип эрдин санын кошуп алдым, - деди да беш миң сом берди. Жапар аны албады, болгону үндөбөй туруп кетти, бирок Айганыш товар ташыгандан абдан кыйналды, көп алып алса туруп калып сапатын жоготуп алгандан коркот, бир күнү көп алып алса калып калып эки-үч күндө соолуп чирип кетти. Улан апасынын батирге келгенин көрүп:

- Апа, Жапар аванын үйүнөн кеттиңби? - деди.

- Ооба уулум, эми өзүмчө жашайм.

- Коркпойсуңбу?

- эмнеге корком уулум? - Айганыш мээримдүү жылмая уулун өөп алды, - Чоңдор коркпойт уулум.

- Жапар абадан кеткениң жакшы болду, - деди Улан ойлуу.

- Эмнеге уулум?

- Ал көп ичет, а атам ичпейт, анан дагы Жапар ава жакчу эмес.

- Садагам десе, мени кечир, жаңылып калдым.

- Апа, сен менден кечирим сурабачы, мен баламын да.

- Кой жаталы уулум, эртең эрте базарга чыгуум керек, - деп уулун кучактап жатып алды, түнү бою ойлонуп оңду уктай да алган жок. Бул турмуш адам баласына көп нерсени үйрөтүп, бышырып жашоого даярдаса, кээ адамдарды улам күркүрөгөн дайранын агындысына айлантып жээкте керексиз калган устунча калып калат эмеспи, Жапар өзүн тыя албады, ичип кетти, Айганыш тарапка басып келбейт, анын өзүнө жасаган мамилесин, кийимин таза жууп, тамакты жакшы жасап берип күндө жуун деп жылуу суу куюп бергенин эстеп өзүн кармап бир айдай убакыт өткөндө кайра аракты коюп: "Мен Айганышты алып келүүм керек, минтип жүргөнүм болбойт", - деген чечимге келип ага таза кийинип алып келди, арадан төрт ай өтүп кеткен эле. Тагдырынын сыноосу аны дагы бир сыноосуна калтырды, анткени Айганышты Бек Уландын кайра-кайра айта бергенинен улам келип алып кеткен болчу. Алар өз кемчиликтерин түшүнүшүп бири-бирин баары бир жакшы көрөөрүн сезишкен соң бирге жашап калышты. Алар ошол күнү соодада отурган эле аны алыстан эле байкаган Жапар артына бурулду. Жазында Алтын келип ага ороодогу ымыркайды алып таштап кетти, Бек ойлонуп эсептеп көрүп өз баласы экенине көзү жеткенде кубанганын наристенин ууз жытынан жыттап жанында турган Айганыш менен уулун кучактап көзүнө жаш алып бактылуу үй-бүлөөсү менен жашап калды...

Нуралы Жаркынайга тез-тез келе баштады, анткени Жаркынай ооруканадан чыккандан кийин Жоомартты үйдөн чыгарып ийген болчу, ишкананы андан талашкан дагы жок, кыскасы ал экинчи жолу тагдырына таарынып, өксүгөн өмүрүнө капаланып эч ким менен сүйлөшпөй дагы жаткан эле. Анын абалы абдан оор болгондуктан Нуралы аны врачка каратып, балдарына багуучу жалдап кабар алып турду. Жаркынай аз-аздап өзүнө келе баштады, балдары менен көп убакытка бирге болуп, уктаганда өзү жаткырып, өзүн жакшы сезип калганда Нуралыга минтти:

- Нуралы, мен сени түйшүккө салып койдум окшойт.

- Ал эмне дегениң, мен сени карагандан түйшүк тартпайм, башкысы сенин ден-соолугуң жаным.

- Ошентсе да...

- Жакин, мен сени өмүр бою кароодон тажабайм.

- Мени кечир.

- Эмнеге, кечирим сурагыдай эмне кылып койдуң, - Нуралы жылмая Жаркынайдын мурдунан чымчый эркелетти, - Сен кечирим сураба, мен кечирим сурасам болот.

- Эмнеге? - Жаркынай аны элээ карады.

- Сенин күйөөгө тийгениңе уруксат бербешим керек болчу.

- Ырас айтасың, ойлонбой чечим чыгарган өзүмдөн, - деген Жаркынай көз алдында Жоомарттын мусордогу жүргөнү, өзүнө жалдырап сүйүүсүн айтканы, ата-энесине калып айтып ээрчитип келип алгандары келип ыйлап отуруп айтып берди, - Ошентип мени туюкка камап алсыз жеримден кармап аргасыз кылды...

- Болду эми, баары өттү кетти, капаланууга болбойт жаным, - деп жүзүнөн сүйгөндө эрээркеп көпкө ыйлады, ошол кезде Замира күйөөсү менен Талгат аялы менен кирип келишти.

- Сага эмне болду, ушунча кыйналганда неге айтпадың? - деп Замира кучактап ыйлап калды, кезеги менен учурашып отуруп калышты, Нуралы алар киргенде эле кетип калган.

- Эми жакшы болуп калдыңбы? - деди Талгат.

- Жакшымын.

- Ошол шүмшүккө эмнеге ишендиң? - Замира суроолуу тигилди.

- Эже, анда чыны күнөө жок, болгону айланасында ач көздөр бар экенин эми анын дагы кереги жок, эки балам менен жашай берем, - деп Жаркынай ары жакка үн салды, - Роза, конокторго чай даярда!

- Мына даяр, - деп Роза үстөл үстүн даярдап аларды чакырды, бул келинди Нуралы алып келген эле. Замира Жаркынайдын бул жашоосуна ыраазы болуп кубанганы менен тагдырынын татаалдашып туруп алганына кейип турду. Жаркынай Замирага Даниел жөнүндө айтып койгон эле, ошондон бери ал Жоомартты ого бетер жаман көрүп калган. Алар эки күн туруп Жамийланы алып кетишти, Жаркынайды кыйналбасын дегени эле. Нуралы Жаркынайды кайрадан өзүнө энчиктегиси келгени менен бир күнү эле себепсиз кечиксе Каныкей айгайлап бакырып урушчу болуп калган. Ал оорулуу болуп калган эле, баягы кулагандан кийин башы ооруй калып жүрүп эле бир күнү отурган жеринен бакырып сыртка чыгып кетип зорго кармап келип ошондон кийин аны кайтарып турушат. Бир жылда бир дарыланчу жайга жеткирип кайра алып келишет, ошентип бир кызматына, бир өз үйүнө жүгүрүп, кайра Жаркынайдан кабар алып жүрүп кыйналып кетти. Арадан дагы эки жыл өткөндө Даниел бешке чыгып такылдаган бала болду, бул кезде Каныкей таптакыр эле болбой калып аны психологиялык ооруканага алып барып таштап коюп эс ала түштү. Чынында Нуралыны бир эле Жаркынайды карап кала турган адам эмес дечи, күнүмдүк саунада, кээси менен мейманканада сулуу, жаш кыздар менен өткөргөн күнү көп. Баласына карап, бир жагы өзүн катуу жакшы көргөндүктөн Нуралы Жаркынайга акыры үйлөнмөк болду. Бир топ жолдош-жоролорун чакырып ошол эле үйдөн нике кыйдырып алды, бул кезде Жоомарт сыртта ал шаан - шөкөттү көрүп туруп: "Болду, эми мага эч нерсенин кереги жок, андан көрө кызымды алышым керек, фирмасын дагы өзүнө беремин, муну менен жашаган күндө деле тигил май токочтуу чиновник менен "бажа" болуп жүрө бермек экенмин, сүйүү менин көзүмдү сокур, көкүрөгүмдү бук кылган экен да, бир гана жеңемдин жасаган иши жаман болду", - деп артына кайрылып кетип жатты. Эртеси телефон чалды да фирмасын өткөрүп алуусун өтүндү сылык гана. Бирок Жаркынай ага барбады, болгону ага: "Сенин мага деген сүйүүң үчүн менин берген жообум ошол болсун, мен дагы сени менен бактылуу болом деген ойдо элем, бирок айланаңдагы көрө албас, ичи тарлардын кесепети тийди, мен сага ыраазымын, ишиңди жүргүзө бер Жоомарт, кош бол", - деп трубканы коюп койду. Ошентип Жаркынай Нуралынын никелүү аялы болду, эми анын жонунан оор жүк түшкөндөй болду, Талгаттын эшигине капкара Джип унаалары токтоп толгон нерселерди таштап, жүз миң сом берип Нуралы Айбашовичтин атынан "Салам" айтып кетишти. Бул окуянын аягы ушинтип Жаркынайдын толук бактылуу болушу менен аяктады: "Бирөө өлмөйүн, бирөө күн көрбөйт", - демекчи Каныкей ошол бойдон жиндиканада калып калды, аз өтпөй Нуралы аны өз үйүнө алып кетти: "Бакыт адамга таптырбайт өзү табат", - дегендей Жаркынай бактысын алы жетишинче издесе дагы таппады, бирок аны бакыт өзү издеп тапты. Баягы "токол" атка конгон жыйырмадагы кыз эми бакыйган министрдин аялы...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз