Айгүл ШАРШЕН


"Кызганыч"


Бул дүйнөнү чексиз аалам каптап, ааламдын ар башка бөлүгүндө ар кандай улуттагы адамдар жана ар кандай кубулуштарды коштогон жансыз жана жандуу нерселер адамдар менен бирге эле жаратылыштан өз-өз ордун алышкан. Дегиңкиси аалам десе жер үстүндөгү айлананы курчап турган кең ааламды ойлойбуз, бирок дүйнө жүзүндөгү ар бир пенденин өз ааламы бар экенин байкабайбыз. Бу адам чынында эле өз ааламында жашайт, ошол ааламдын өзүнө берген ырахаты, эргүүсү жана жогорку сезимдери менен ар бир адам бир багыттарды беттеп жашоого жол табат эмеспи. Ал эми тагдыр деген алла тааланын буйругу, айрыкча кыз бала кээде ата-эненин төрүндө алчактап өссө турмуш жолунда башкача өмүр сүрүүгө туш келет, кээ кыздар үй-бүлөөдө жетип жетпей же уруш чатак менен бой жетип болбосо аракечтердин чөйрөсүндө өссө дагы өз ааламында бийиктиктерди эңсеп, кыялданып бактылуу болуу үчүн аракет кылат, сезимдерге жетеленип бийик мунараларды курат. Ошол үчүн пендебиз да, муну менен мен айтылып эле жүрчү кызганычтуу турмуштук окуяны баяндагым келип турат, анда сөз башынан болсун, мен бул жолу Арзуу деген кыздын ата-эненин колунда жана турмушка чыккандан кийинки жашоосун кудуретим жетишинче айткым келет...

Арзуу бир үй-бүлөөнүн эң улуусу, Өмүркул менен Саадат өмүрлүккө баш кошуп жашап төрт баланын ата-энеси болгонуна карабай күндө уруш-талаш менен жашап келе жатышат. Өмүркул ичип алганда абдан чатак, жумурткадан кыр чыгарып жаңжал чыгарып ызы-чуу кыла берчү адаты бар. Саадат он беш жылдан бери төрт баласы үчүн жашап келе жатат, кийинки кездери анын дагы чыдамы түгөнүп ачуусу чукул болуп, балдарын болоор-болбостон уруп-согуп ийчү болгон. Арзуу көздөрү бакырайган ак жуумал татынакай кыз, андан кийинки иниси Эмилбек, Сайра жана эң кичүүсү Эдилбек. Арзуу уруш чатактын айынан мектепке да кээде барса, кээде барбай жүрүп акыры эптеп окусун бүткөнү калган.

Өмүркул аябай мас болуп келип апасын уруп киргенде бири дагы арасына түшө алчу эмес, кокус бири жанына келсе колуна тийгенин тулуптай эле алып ыргытып ийе турган. Коркконунан бөжүрөп бир бөлмөдө үрпөйүп отурушкан балдардын улуурагы Арзуу ушул кезде ой-кыялы чабыттап эсейе түшкөнгө келечегин элестетип отурду: "Менин күйөөм абдан жакшы адам болот, биз бактылуу болобуз, балдарыбызды эч качан ыйлатпайбыз, алар бактылуу анан акылдуу болушат, кудайым ай эмнеге атам ушунчалык ичет болду экен, эмнеге апамды ура берет, Сауленин атасы үйүндө эч урушпайт, ичип келбейт", - деп ойлонуп отурганда:

- Аа-ай! - деген ачуу чаңырыктан жүрөгү солк эте ата-энеси урушуп жаткан бөлмөгө жүгүрүп кирсе апасынын башынан кан жайылып жерде сулап жатыптыр:

- Апа-а, апа эмне болду? - деп Арзуу жетип Саадаттын башын жөлөй коюп ыйлап жатканда:

- Тур, доктур чакырып кел! - деп үтүрөңдөдү Өмүркул.

- Ата, апамды эмне кылдың, ал өлүп калсачы? - деп Арзуу атасын жаштуу көздөрү менен жалдырай карады.

- Башты оорутпай тур дейм! - дегенде гана Арзуу тызылдап медпунктка жетип врач ээрчитип келди, Саадат өзүн алда качан эле жоготуп койгон, кан көп кетип өлүк сымал боппоз болуп жаткан аялын ооруканага алып кетишкенде балдарын маңдайына алып келип, - Апаң жыгылып кетти, аны эч ким урган жок уктуңарбы, бирөө жарым келип сураса мен урган жокмун, өзү эле жыгылып кетти дейсиңер, - деди да жерге уюп калган канды Сайрага тазалатып өзү ооруканага жөнөдү. Арзуу үйүн тазалап, Сайра экөө ыйлап отурушканда таенеси келип калды, ал болгон окуядан кабарсыз эле.

- Силерге эмне болду, Саадат кайда? - деди Суусар бирдемени сезгендей.

- Апамды доктурга алып кетишти...

- Эмнеге, оорудубу? - деп Суусар чочулай карады.

- Жок... - Арзуу ини-сиңдилерин карады.

- Карангүн ай, жанагы жинди атаңар бирдеме кылган го? - деди да шашыла кайра артына жөнөдү.

- Таене, мен дагы барайынчы, - деди Арзуу ыйламсырай.

- Сен балдарга кара, мен барып кайра келем, - Суусар жөнөй берди, ал келгенде Саадат али эсин жыя элек болчу, врачтар аны жаңы гана районго жөнөткөнү жаткан, Өмүркулду көрүп эле Суусар ажылдар кирди, - Сенин азабың өттү, өлтүрүп тынат экенсиң го деги жогол биерден, өзүм бирге барам!

- Апа, мен эмес...

- Билем сени, кызымдын шоруна бүткөн неме болдуң го?

- Жыгылып кетти өзү.

- Калп! - Суусар акырая карап догдурдун унаасына отуруп жөнөп кетти, Өмүркул шылкыя үйүн көздөй жөнөдү, Суусар кызынын абалын көрүп врачка күйөө баласынын күндө уруш жаңжал чыгарганын айтып милицияга арызданып турду, ал тургай арыз да жазып таштады, ачуу келгенде адам ар нерсеге барат эмеспи, анан эмесечи Саадат көзүн ачпай сулк жатса кантмек эле, врачтар кечке чейин аракет кылып жатып түн бир оокумда гана өзүнө келди Саадат.


- Апа, мен кайдамын? - деди алсыз.

- Каралдым ай, ушу Өмүркул сенин түбүңө жетпесе болду, - Суусар эмшиңдеп ыйлап аны өпкүлөп ийди, - Өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы?

- Жакшы эле апа.

- Өмүркулду каматамын, арыз жазып койдум, - деди эле Саадат башын өйдө көтөрмөк болуп онтоп ийди:

- Апа, анткениң болбойт...

- Дагы эле ошонуңду коргогуң келип жатабы ыя, эми сени аны менен жашатпаймын, ажырашып тынбаса- бир күнү өлтүрүп тынат.

- Апа, балдарым турбайбы, - Саадат башынын ооруп турганынан акырын сүйлөдү, - Антпе апа, мен Өмүркулдан ажырабайм, - Улутунуп оор үшкүрүнө дубалды карап кетти, - Ал мени өлтүрбөйт апа.

- Ийи, дагы эмне дегиң келет? - Суусар кызына нааразы болгондой карады, ошол учурда медсестра кирди:

- Эже, оорулууну көп сүйлөтпөңүз, оорулуунун абалы оор, мээге дагы доо кеткен, тынчтанып жатуусу керек.

- Мейли айланайын, ушуга дагы шүгүр, - Суусар шыпшына отуруп калды, ал ошентип отурганда Өмүркулга күүгүмдө милиция келип алып кетти, ал дароо эле билди, кайненесинин кылганын. Аны кайра-кайра сураса дагы бир сөзүнөн танбады, мойнуна албады, үч-төрт күнгө чейин камалып жатып калды, Саадат өзүнө бир аз келгенде ага милиция көрсөтмө берүүсүн өтүнүп келгенде:

- Менин бул абалыма күйөөмдүн күнөөсү жок, кээде уруш-талаш ар бир үй-бүлөөдө эле болот эмеспи, апам жаңылып калыптыр, - деди.

- Абалыңыз кооптуу дешти врачтар, оор жаракат алыпсыз, жакында сизди борборго жөнөтөбүз дейт, жакшылар ойлонуңуз.

- Менин эч кандай доом жок, башка келбегиле, күйөөмдү бошоткула.

- Болуптур анда, сиз анын күнөөсү жок экенин тактаган далил керек.

- Жазып берем, - деди эле милиция жигит ага кагаз калем берди, Саадат: "Мен Курманова Саадат, Сейталиев Өмүркул менин күйөөм, менин ооруканага жаракат алып жатып калышыма күйөөмдүн күнөөсү жок", - деп кол коюп берди. Өмүркул төртүнчү күнү жүдөгөн түрдө үйүнө келди, балдары аны тегеректеп калышты.

- Ата, апам кана?

- Апам келген жокпу?

- Ата, апам качан келет? - деп чурулдашып турганын бир эсе ачуусу келгени менен ушул жолу балдары үчүн эненин орду башка экенин түшүндү, бирок моюнуна алгысы келбей бурк этти:

- Мен апаңа барган жокмун, - дегенде бөжүрөгөн үчөө Арзууну карап томсоро туруп калды, чоңоюп калганга Арзуу атасынын кайдан келгенин билип турган, бирок үн дебей ини-сиңдисин ары карай жетелеп кетти, Өмүркул дал ушул кезде Алима деген келин менен жүрүп алган, ал өзүнүн каталыгын сезип уялгандын ордуна кайра Саадатты уруп-сабап же ажырашам деп айта албай эле жаңжал чыгара берчү. Ал ушул кезде сезди өз аялын сүйөөрүн, аны таштай албасын сезип турду. Ал ар кайсыны ойлонуп жатканда Арзуу тамак жасап атасын чакырды, үн катпай отуруп кардын тойгузду дагы кайра барып жатып алды, ал ушул жолу Саадатсыз бул үйдө чоочундай өзүн ыңгайсыз да жаман да сезип балдарынын алдында өзүн күнөөлүү деп эсептеп өйдө карай албады. Саадат бир жумада бир аз дурус болуп калганы менен башынын маалы менен ооруганы басылбады, врачтар ага борборго жолдомо беришти, алардын өп-чап жетишпеген жашоосу анын тең арада эле шаарга баруусуна тоскоолдук жаратып үйүнө чыгып келгени төшөктө жатып калды. Бир аз күн Өмүркул кирип чыгып үйүндө болуп жатты, Арзуу апасына жардамдашып үй тиричилигине көнүп калганга кадимкидей эле аларды бага баштаган. Сайра төрөлгөндөн эле жүрөк оорулуу, кез-кез ооруканага жатып турат, операцияга кудуреттери жетмек эмес, эптеп дары-дармегин алып берип карап келишет. Өмүркул бир күнү сыртта жүрүп эле дайны билинбей калды, ал Алимага кеткен, көптөн бери көрүнбөй калган "сүйгөнүн" көргөндө ал тултуңдап таарынып калды.

- Эмнеге мынча жоголдуң?

- Иш чатак, сени менен ачык сүйлөшүүм керек.

- Эмнени сүйлөшөсүң?

- Мындан ары жолукпашыбыз керек, балдар чоңоюп калыптыр, - Өмүркул күнөөлүүдөй жер карап ичкери кирмек болгондо аны Алима жиндене төшкө түрттү:

- Сүйлөшпөй эле кой, бар жолуңа түш!

- Алима, жай сүйлөшөлү.

- Кереги жок, сен аялыңды кыя албай турганыңды мага айтпагын, жетишет шөмтүрөп турган кебетең эле айтып турганы, - деп эшикти жаап алмак болгондо Өмүркул жиндене эшикти катуу булкуп ийди.

- Болду, мени сен түшүнбөсөң ким түшүнөт, сенин ушунчалык аял экениңди билбей жүрүптүрмүн да! - деп үнүн көтөрө бакырганда Алима боюн тартып алды:

- Эмнени түшүндүрмөксүң, айт ушул жерден.

- Аялымдын ал-абалы өтө эле оор, сенин айыңдан ушул болду, күндө качан ажырашасың деп кулагымды жеп жатып, - деп ачууланганда Алима айкырып кирди:

- Өзүң айтчу эмес белең, сени сүйөм деп, аялымды көрөйүн деген көзүм калбады, сенсиз жашай албайм дегениң жалганбы?

- Сенин азгырыгыңа киргенимде жаңылган экенмин, мындан ары менин атымды атаба, мен сени, сен мени тааныбайсың уктуңбу? - деп шарт бурулганда:

- Эмне, ме ичимдеги баланы кайда алып барам, же желден, абадан болду дейминби, же атасыз төрөп өз атыма кара так жармаштырып эл алдында жүзүмдү карайтып кала беремби?

- Эмне дедиң, ичимдеги бала дейсиңби? - Өмүркул артына кылчайып аны таңгала карады.

- Ооба, ушул келгениңде айтканы турган элем...

- Тамашаңды кой, боюңдагы баланын менден экенине күмөнмүн, - деди да чыгып кетти. Алима ыйлап өлөрмандана бакырып долуланган бойдон кала берди, Өмүркул кайын журтунун топтоп берген акчасы менен Фрунзеге Саадатты алып жөнөдү, Суусар дагы бирге келди, Арзуу чоңоюп калгандыктан ини-сиңдилерин өзү карап калды, бир ай дегенде Саадат сакайып ооруканадан келди, Өмүркул ичкенин токтотуп бир аз үйгө байырлап калган. Ошол күнү аны Алима өзү чакыртып ийиптир, өздөрү менен чогуу турган эле классташы келип айтканда акырын анын үйүн көздөй жөнөгөндө алдынан досу Алыбек жолугуп калды:

- Кандай Өмүке, Саадат жакшы болуп калдыбы?

- Дурус, өзүң кайдан?

- Бир иштер менен кетип жаткам, сен кайда?

- Ээ дос, - Өмүркул башын кашылай жылмайды, - Алима чакырыптыр...

- Өмүке, сен туура эмес кылып жатасың, Саадаттын баркына жетсеңчи, анын үстүнө Алима сени эле карап турбагандыр.

- Алыке, сен экөөбүз ушунчадан бери дос болуп жүрөбүз, бири-бирибизге жаман айтышпадык, ушу аялдар үчүн дагы айтышып калбайлы, - деп Өмүркул түнөрө карады, - Алима жөнүндө терс пикириң болсо мындан ары мага айтпа, - деп басып кетти.

- Кийин өкүнүп калбасаң болду, - деген Алыбек башын чайкай өз жолуна түштү: "Кызык, өзү аябай кызганчаак, Саадатты кызганып турат, анан башка аялга барганын кара, неге мындай болду, ооруп жаткан аялына карабай "ойношуна" кетип бара жатканын кара", - деп ойлонуп кетип бара жатты. Өмүркул Алиманын босогосуна келип:

- Эмнеге чакырттың? - деди үңкүйө карап.

- Кир, эмнеге туруп калдың? - Алима жасакерлене күлүп колдон алды, - Кирсеңчи эми Өмүш.

- Айта турганыңды айтпайсыңбы, менин убактым жок.

- Койчу жаным, мен сени аябай сагындым, - Алима Өмүркулду кучактап өөп жасакерлене болбой ичкери алып кирди, - Коркпо, боюмда жок экен, эки айдан бери токтоп калганынан эле күмөн болуп жүргөнмүн, - дегенде Өмүркул эс ала түштү.

- Ырас эле жок бекен?

- Ооба, андан көрө отур, мен сага тамак даярдап койгонмун.

- Алып кел анда, болбогонду айтпай жүр да, - деди Өмүркул күңкүлдөй, Алима дасторконун жая семиз эттин сорпосун көтөрүп келди, экөө бирге тамактанып аны менен бирге бир бөтөлкөнү бөлө тартышты да дароо төшөккө киришти, күүгүм киргенде Өмүркул үйүнө келди.

- Кайда кетип калдың? - деди Саадат, ал үйгө кирип чыгып калган.

- Иштер бар эле, - Өмүркулдун кызуулугу билинип турду.

- Ичип алгансың го?

- Бир аз ичип койдум, Алыке жолугуп калып...

- Алыбек менен Сонун келип кетпедиби.

- Качан?

- Жана, менин акыбалымды көргөнү келишиптир.

- Айткан жокпу анан?

- Эмнени?

- Мага жолукканын.

- Унчуккан деле жок.

- Аа-а байкуш десе, менин балдар менен калганымды айтпаган экен да, - деп Өмүркул унчукпай калпы чыгып кала жаздаганга ичинен шүгүр кыла ички бөлмөгө кирип кетти.

- Атам сени бир козу алып кетсин дептир, - деди Саадат артынан.

- Качан, эмнеге?

- Эт аштан кыйналсаңар союп алгыла дейт.

- Макул эртең алып келем.

- Ошент, мени дагы күчтүүрөөк тамактан деген врач.

- Ооба деп жатпайынбы!

- Эмнеге бакырасың? - Саадат күйөөсүнө ызалуу карады, - Сен эмнеге эсиңе келбейсиң, сенин кызыл камчылыгыңдын айынан минтип оорукчан болуп калдым, ошондо дагы балдарымдын атасы деп аяп өз жанымды ойлободум, бир кездеги таза сүйүүбүз үчүн сыйладым...

- Болдучу эми, - Өмүркул боору ооруй аялынын жанына келди, - Кейий бербе, жакшы болуп кетесиң, - Саадатты бооруна кыса кучактады, - Мен сени дагы эле сүйөм Саадат, капаланбачы эми.

- Жо-ок Өмүш, сен менден алда качан эле алыстап калгансың, сенин сүйүүң эбак өчкөн, - Саадат күйөөсүн көкүрөккө түртө бошонуп отуруп алып көз жашын аарчыды, - Менин жарааттан пайда болгон оорумдан да жан жарамдын оозу ачылып жүрөгүмдү сыздатып жатканын сен кайдан билесиң, ошол кезе мага кандай сонун сөздөрдү айтып, сезимимди козгоп өмүрүмдү бакытка бөлөөчүсүң, ал сөз бойдон калды Өмүш...

- Жо-ок Сакиш, жоктун жону катуу эмеспи, ошону ойлонуп, балдарды кантип багам деп ичип алам да сары убайымдан арыла түшөм, анан эле сени баягыдай эркелете албай, сүйгөнүмдү айтууга жарабай күн өткөрүп жатпайынбы, - Өмүркул күнөөлүүдөй жанына отурду.

- Өмүш, калп айтпа антип, мен баарын билем.

- Эмнени билесиң?

- Алима менен болгон мамилеңди...

- Койчу? - Өмүркул аялын чоочуй карады.

- Балдарыбыз бой жетип бара жатат, сенин ошол кылыктарыңды Арзуу классташтарынан угуптур, сени балдарга жаман көрүнүп калбасын деген эле оюм, эгерде агам Туку угуп калса сени соо койбойт, - деп үшкүрө туруп сырткы бөлмөгө чыгып кетти, Өмүркул унчукпай калды, чынында Туку ачуусу чукул неме, өзүнүн бей бурт жүргөнүн угуп-билсе эки чайнап бир жутаарын билет, ошентип ал ошол бойдон бөлмөдөн чыкпай жатып калды. Саадаттын жүрөгү күйөөсүнүн кылыктарын ойлогон сайын тыз-тыз этип сайгылашып: "Сүйүшүп баш кошкондор деле бара-бара сууп калат экен да, анда неге сүйүүнү ыйык дешет, андай ыйык таза болсо бири-бирин сүйгөндөр эмнеге бат эле сууп башканы сүйүп кетишет, бир бири-бирибизди ажал бөлмөйүнчө бөлүнбөйбүз, сыйлашып өтөбүз дечү эмес белек, ата-энемдин томоякка тийбейсиң деген каршылыгына карабай тагдырымды Өмүркулга байлабадым беле", деп телмире түн өткөрдү. Эртеси таң атпай Өмүркул дагы кетип калган, Суусар келип калды:

- Өмүркул кайда? - деди ал келип эле.

- Эрте туруп силер жакка кеткен... - Саадат ишенээр ишенбестей айтты.

- Барган жок.

- Эми барат да, сиз эрте чыккансыз го?

- Ооба, сенден кабатыр болуп эрте чыкканмын, - Суусар жай ала отуруп калды, - Деги түзүк болуп калдыңбы?

- Жакшы элемин, башым бир аз эле ооруп турат.

- Акырындап жакшы болуп кетесиң?

- Арзуунун окуусу кандай

- Эптеп окуп жатат да апа.

- Ушу укум-тукумунан бери жарыбаган неменин баласына тийбе-тийбе деп канча какшадым, сүйөм-күйөм деп эле туруп алдың, эми ошол сүйүүң эмне берди сага ыя?

- Апа, өткөндү козгобой эле койчу деги, мына балдарым турбайбы? - Саадат апасынын сөзүн жактыра бербей кабак чытыды.

- Баланы дагы баладай багып, кийинтип ичиртүү керек, ач жылаңач өскөн балдар кийин эс тартканда силерге эмне дешет, же сүйүшүп үйлөнүп силерди сүйүүнүн күчү менен эле бактык деп жооп бересиңерби?

- Ой апа-а...

- Мейли эми, өзүң эле сакайып кетсең болду.

- Эми жакшы элемин.

- Кандайсыз таене? - деп жаңы турган арзуу Суусарга учурашты.

- Садагаң болоюн десе, чоңоюп жатасыңарбы?

- Ооба таене.

- Ини-сиңдилериңе жакшылап карап, апаңа жардам бер кызым.

- Ооба, ансыз деле апамды кыймылдатпайм.

- Кызым, чай-пайыңды алып кел, - деди Саадат, ошол учурда Өмүркул кирди, - Алып келдиңби? - Саадат күйөөсүнө карады.

- Ооба алып келдим, келиңиз апа.

- Келдим айланайын, - Суусар күйөө баласын сүйүңкүрөбөй жооп кылды. - Эми союп ысык шорпо бер балдарыңа.

- Азыр, - деп Өмүркул дасторкон четине отурду, - Чай куйчу.

- Чай ичип ал дагы сое сал, - Саадат чай сунду, үндөбөй отуруп анан Өмүркул туруп кетти, ал козуну чоюп жиликтеп казанга ченеп салып калганын туздап илип койду, басса-турса оюнан кыл этме кетпей туруп алды: "Эмнеге такыр оюмдан чыкпай туруп алат, биротоло берилип кеткен жокмунбу, ичким келип эле туруп алат да, кудай сактай көр, бу каран калган ачуунун азгырыгынан чыгаар күнүм болоор бекен", - деп ойлонот. Ары-бери басып жүрүп кайненесинен тартынып короонун оозунда турса кээ-кээде иче койчу Садырбек өзүн көздөй келе жаткан экен, көрүп эле сүйүнүп кетти.

- Ой ырас болбодубу, үйүңдөн кантип чакырам деп жаттым эле.

- Эмне Саке, жайчылыкпы деги?

- Жайчылык эле, жүрү досум кеттик, - Садырбек элтеңдей карады.

- Эмнеге?

- Тиги Бообектин туулган күнү экен.

- Бүгүнбү?

- Ооба, болбойсуңбу эрте.

- Саке, менин кетип калганым болбойт го?

- Ийи, аялың урушабы?

- Жо-ок, кайненем үйдө, - деди Өмүркул эшик жагын уурдана карап акырын.

- Эмне экен, бат эле келип каласың.

- Ошондой деле болбой калат го...

- Бол, кайра эле келесиң, Боке менен Таке күтүп калды.

- Эк барса барайын дагы бат келейин, - деп Өмүркул Садырбекти ээрчий басып кетти, Саадат ошол убакта тамак бышып калып аны таппай калды:

- Бу кайда кетип калды? - деп үйүнө кирип бара жатканда эшиктен коңшусу аны көрүп:

- Өмүркулду издеп жатасыңбы? - деди.

- Ооба, эми эле биерде турду эле...

- Өмүркул тиги Садырбек менен кетип жатканын көрүп калдым.

- Аа-а мейли, - деген Саадат үйүнө кирип бара жатып, сары санаа болду: "Дагы ичип келет тура, деги качан тынч жашаар экенбиз, бир топтон бери ичпей оңуп калдык эле, апамдын көзүнчө чыр чыгарбаса экен", - деп үйгө кирди, кызынын салыңкы кабагын көргөн Суусар:

- Өмүркулду чакырдыңбы? - деди.

- Бир жакка басып кетсе керек...

- Келип калат, балдарыңа бере бер, - деп койду Суусар, козунун этин алып келип балдары менен ичип жеп анан жатып алышты, түн бир оокумда абдан мас болуп келди, босогодон эле адатынча:

- Саадат! - деп кыйкырды, ошол убакта Саадат, Суусар менен Арзуу дагы ойгонуп кетти, - Саадат дейм!

- Эмне болуп кетти, акырын эми, - деп Саадат чыга калып аны колтугунан алып ичкери киргизмек болду эле аны түртүп ийди:

- Тамак барбы?

- Кирбейсиңби, азыр берем да.

- Белендеп турбайт белең.

- Эми келдиң го, - Саадат андан коруна чаап ийбесин дегендей боюн тарта сүйлөдү, - Кир эми, колу бетиңди жууп тамак ич.

- Эмне менден жийиркенесиңби? - Кежирлене кыйкырды, ошондо босогодо Суусар көзүн акырайта карап турганын көрүп саал соолуга түшкөндөй болду, - аа-а, апа сиз бар белеңиз? - деди да ыргала боюн түздөп бутун чечти да үйгө кирди.

- Мен болбосом эмне кылат элең ыя, ит адатың кармап калдыбы, муну өлтүрүп тирилттиң эле эми эмнең калды сенин ыя? - деп бакырганда тамак ичем деп жулунуп жаткан Өмүркул ички бөлмөгө кирип кулады, ошол бойдон таң атканда башы ооруп ойгонду, тура албай жатып:

- Арзуу, кызым суу берчи! - деди дабыштарынан улам алардын ойгонгонун билип.

- Туруп тамак ичсең боло? - деп аңгыча Саадат кирди.

- Жок, башымды көтөрө албайм.

- Уялсаң боло, эшиктин алдындагы сойгон малдын этинен ооз тийбей басып кетесиң, ошону үчүн корообузда чычкак улак кирбей жатат да, - Саадат наалып чыгып кетти, Арзуу чыныга суу алып кирип берди. Өмүркул кайненесинен коркуп түшкө чейин жата берди.

- Шоруң каткан кызым ай, мунуң ичкенин койбосо сенин түбүңө жетет го бир күнү, - деп наалыды.

- Койчу апа, Өмүркул мени өлтүрбөйт, эми кызуу болсо сүйлөй берет да.

- Ошо сүйлөп-сүйлөп анан баары башталат да, аның ичпей тура албай калган го кыязы?

- Эми аны азгыргандар бар да.

- Ой башы өзүндөбү аныңдын, азгырыгыдай эмне...

- Болду эми апа, укса капа болот.

- Ошонуң капа болгонду билеби, уялабы деги, эки-үч жылда мына бу кызыңар чоңоюп калды, бирөө жарым ала качып кетсе эмне кыласыңар ыя, мен берген жууркан төшөктөр болсо көөнөрүп бүтүптүр, жатаарыңарды жаңыртканга кудуретиңер жок, эшигиңерде чычкак улагыңар жок, элдей болуп совхозго деле иштесе кур калбайт эле го, өзү теңдүүлөрдү көрүп арданса болот го? - деп кейип-кепчип жатты. Түш оой сыртка чыкты Өмүркул, башын жерге салып кайненеси тарапты карагысы да жок, көргүсү дагы жок эле: "деги бул биерде эмне кылып жүрөт, үйүнө кетпейби", - деп ичинен кыжынып алганы менен сыртына кайдан чыгаргысы келмек беле. Арзуу болсо көптөн бери ата-энеси урушпаганга көңүлү жайында, өзүнчө ойго батып өзүнө кат жазып жүргөн Мелисти көз алдына элестетип кетти: "Мелиске мен убада бербегеним менен менин аны кандай сүйөөрүмдү билет болду бекен, ал же таарынып калдыбы, эгерде сүйсө таарынбайт, ал абдан акылдуу жигит, биз бактылуу болот чыгаарбыз ээ, дүйнөдө биздин үй-бүлөөдөн башкалар бакыт деген эмне экенин билмек турсун өздөрү ошол аралда гана жашап жатышса керек ээ? Баса мен бакыт деген эмне экенин билемби же...", ушул жерге келгенде анын оюн Өмүркулдун үнү бузуп жиберди. Жакшы түш көрүп жатып чоочуп ойгондой:

- Эмне болду ата? - деди чыга калып.

- Суу берчи балам, жүзүмдү жууп алайын.

- Ии-ий азыр ата, - Эпилдеп чөөгүнгө чуу куюп алып барды, анан атасына тамак ысытып атайын коюп койгон этти алып келип алдына койду.

- Өмүркул, - деди жаңы эле отурганда Суусар, өзү дагы заарканып кандай сөз башталып кетээр экен, баш ооруп турганда көп сүйлөп жанды кашайтпаса болду деп ойлонуп турган, - Эми жаш эмессиңер балам, мына балдарыңар чоңойду, кызың бойго жетип келе жатат, үйүңөрдүн үстү башы тозуп бара жатат, үрүп чыгаар итиңер жок ботом, кыз ыргыткан таш деп эртеңки күнү Арзууну бирөө жарым ала качып кетсе кантесиңер, кыз күйөөгө тийгенде, анан капысынан өлгөн өлүк абийир ачат, дегеним жоктун жону катуу дегендей кыздын жүзүн жер каратасыңар, берээрге эчтекеңер жок кандай абалда калаар экенсиңер кокуй?!

- Апа, - деди Саадат, - Эми жакшылык эптеп бүтөөр...

- Ошондо деле эл катары жашаганга аракет кылбайсыңарбы, заман башкача болуп бара жатат, Брежнев байкуш кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоону берди эле ошондо дагы эчтеке кыла алган жоксуңар, - деди наалып, Өмүркулдан үн чыкпады.

- Силер барсыңар го, бир жагын эптеп турсаңар анан куда болчулар дагы берсе өзүнүкүн өзүнө беребиз да, - деп күлдү Саадат апасын тынчтандырмак болуп.

- Ооба, бекер оокаттын баркы жок, ичсең тойбойсуң, кармасаң жукпайт, мээнет кылып тапкан болсоңор аяп урунуп, аяп кармайсыңар кызым.

- Ошентсе дагы иштеп эмгек кылсаңар болбойбу, бу Горьбачев деген неме өзгөртүп, колхоз-совхозду таратат имиш деп жатат, кандай заман болуп кетет ким билет, жашооңорду ойлогула, - деп Суусар терең үшкүрүп алды, - Эрте күндү кеч кылбай мен кетейин, - деп ордунан турду.

- Эртең эле кетпейсизби апа? - деди Саадат.

- Кой кызым, сенин сакайганыңды көрдүм. Жашооңорду оңдогула деп айтканым да эсиңерге туткула, - деп чапанын үстүнө жаба салып сыртты көздөй жөнөдү, Саадат узатып кайра кирди:

- Кеттиби? - деди Өмүркул жер караган бойдон.

- Кетти.

- Жакшы болду, - деп Өмүркул күңк этти.

- Өмүш, сен апамдын айтканын жаман көрбө да.

- Жаман көргөнүм жок, эми эмне кыл дейсиң?

- Аракет кыл, ичкиликтен эмне пайда, балдардын келечеги экөөбүздүн колубузда, Арзуу чоңойду, тогузга окуп калды, Эмил жетиде окуп калды, Сайранын дагы дарыларын ала албай калдык, Эдил го эчтеке эмес, эскисин кийип жүрө бере экен, - деп Саадат катуулап келип сөзүнүн артын жумшак бүтүрдү. Бирок Өмүркул өзүнүн жалкоолугу менен коштошо албады, мындай эле чыкса ичип алат, Саадат жакшы болуп калгандан кийин кайра баштады. Бир күнү мас болуп келип адатынча:

- Саада-ат! - деп кыйкырды.

- Өмүш, кыйкырбай эле кирчи үйгө.

- Эмне, кыйкырса жүрөгүң түшөбү? - деди теңселе, колун шилтеп тап бергенде Саадат ары боло берди:

- Кантет, кир үйгө.

- Кирбейм, тамак барбы?

- Ооба, кирип ич.

- Эй, кир-кир эле дейсиң да, кана тамагың?

- Босогодон ичесиңби?

- Эн-неңди! - деди да бутун чечпей эле төргө отуруп алды, ага Саадат тамак куюп келип алдына койду, Өмүркул тамакты кашык менен аралаштырды да, - Кана, эчтекеси жок го? - деди.

- Эчтеке жок болсо эмне кылабыз? - деп Саадат коркконунан кетенчиктей сыртка чыгып кетмек болгондо алдындагы кесени алып аны урганда жаагына тийип канжалап эле чаңырган бойдон сыртка атып чыкты. Балдары кошо ызылдап апасын тегеректеп жүрөт, Өмүркул чыгып келе жатып Саадаттын жаагынан кан агып жатканын көрүп чоочуп кетти. Ал ар кайсы менен басса болбой агып жатканда өзү үйгө кайра кирип ала кийизден калдастап кесип чыкты да күйгүзүп келип басмак болгондо ал бакырып качты:

- Сакин, канды токтотуу керек, качпачы эми, кел эми...

- Сен мени өлтүрөсүң Өмүркул, апам туура айткан экен.

- Койчу эми Сакин, экинчи ичпейм, - деп Өмүркул башын жерге салып өз күнөөсүн моюнга алып калганына Саадат ичинен ыраазы болуп калды, өзү көп сүйлөп какшана бербеген аял, ошондуктан андан ары сөздү узарткан жок, болгону жашоонун көйгөйү болгон тиричиликтеги жетишпеген жактарын оңдоого кеңешип ага минтти:

- Өмүш, бир иш издеп көрсөң боло.

- Издеп жатам, дегеле иш жок...

- Башкалар иштеп эле жатышат го?

- Же там салган колумдан келбесе, анан эмне кылам? - Ачуусу келип кетти.

- Жер казганга дагы жарабайсыңбы?

- Кимдин жерин казам? - Аялына жини келе карады.

- Кызык экенсиң, айылда иш толуп жатпайбы, сага иштегенге эмес арак ичкенге эле киши табылабы, эркектер чогулуп алып бир иш иштесеңер болот го?

- Дагы ичкенимди айтып калдыңбы, колумдан келбесе бул үйгө кире албайм го, анда биротоло кетейин мен, - деди да ордунан атырыла туруп сыртка чыгып кетип калды.

- Өмүш, сен кайда?

- Кеттим, биротоло кеттим, - деп артынан чыккан Саадатка оңчулуктуу жооп бере албай кете берди, Саадат ийин куушура туруп калды, ал Өмүркулду дагы ичип келет деп сары санаа боло түштү, бирок ал келбеди, жүрөгү ооруп анын биротоло кеткенине ичи ачышып түнү бою ыйлап чыгып жүрдү. Арзуу аны сезип калып:

- Апа, ыйлабаңызчы, атамдын келбегени эле жакшы эмеспи, анын барынан сиз эмне таптыңыз, уруш жаңжалдан башка жакшылыгы жок, андан көрө ажырашып эле алыңызчы, - деди эле Саадат кызын жаман көзү менен карады:

- Кызым, жаманбы жакшыбы атаң, антип айтпай жүр.

- Анан ошонуку жакшыбы, кимибизге ата сыяктуу мээрим төктү?

- Колунда жок болуп жатса, иштегенге иш жок силерди бага албай жатканга өзүнчө капа да кызым, - Саадат үшкүрүп ийди.

- Мурда деле иштечү эмес беле апа?

- Эмнеге минтип сурадың?

- Бекерчи болсо тийбей эле койбойт белеңиз?

- Уяты жок десе, ушинтип айткандан уялбайсыңбы, - Саадаттын ачуусу келип кызын акшыя карады, - Атаңды антип айтпа да...

- Апа, - деди Арзуу апасынын ачуусу келгенине карабай эркелеп кучактап калды, - Апа, сиз атамды сүйөсүзбү?

- Жинди кыз десе, бар ишиңди кылчы, - Саадат бул ирээт кызын мээримдүү карап жылмайып алды, ушу кез анын көз алдына Өмүркул экөөнүн таанышкан кези тартыла ойго чөмүлүп кетти, анда Саадат жаңы эле мектепти бүтүп окууга барып өтпөй кайра келген, көпчүлүк кыздардай болуп шаарда калгысы келбей баса берген. Ал оюнда даярданып келээрки жылы тапшырмак, ата-энеси койчу болгондуктан шаардан келип эле бир күн туруп жайлоодогу ата-энесин көздөй жөнөдү, кетип жатса алдынан үч-төрт жигит чыкты, аларды алыстан көргөн кыз коркуп кетип жол боюндагы арыктын жээгиндеги топ талдын түбүнө жашынып калды. Аны Өмүркул байкап калды, анын тушуна келгенде токтоп жанындагы балдарды карады:

- Балдар, ушул тушта коендун ийини бар окшойт.

- Эмнеге? - Улан аны таңгала карады, - Көрдүңбү?

- Койчу, бул арада коен жок, - дешти беркилер.

- Мен азыр таап чыгам, - деп балдарга карап жылмая көзүн кысты да калп эле арыктын ары жагына өттү, Саадат жүрөгү болк-болк этип ого бетер коркуп бүрүшүп отурган. Өмүркул аны артынан көрүп турса да коркуп жатканына күлкүсү келип, - Балда-ар, ийинин таптым, кармоо гана керек, келгиле бери! - дегенде Саадат бакырып тура калды:

- Байкелер, мага тийбегилечи, айланайындар тийбегилечи! - деп көзүнүн жашын төгүп жибергенде Өмүркул шашкалактап кетти, балдар жанында жарданып карап турган эле, булар аскерден жаңы келип жайлоодогу туугандарыныкына барып келе жатышкан.

- Чоң кыз, тамашалап эле жатам, эмнеге сизге тиймек элек коркпо, - деди Өмүркул ишенимдүү, - Ыйлабачы чоң кыз.

- Коркпо чоң кыз, биз деле ушул айылдын кулунубуз, - деди бири.

- Кечириңиздер, - деп Саадат туруп кетмек болду.

- Жайлоого бара жаттың беле? - деди Өмүркул.

- Ооба, атамдар жайлоодо.

- Курман байкенин кызы эмессиңби? - деди бири.

- Ооба, курмандын кызымын.

- Ой кокуй десе, жүрү дагы коркуп жүрбө, биз жеткирип коелу, - деди Назар күлүп, - Өзүбүздүн эле кыз турбайсыңбы? - Алар кызды жандай жолго түшүштү, Саадат жол ээн болгондуктан дагы эле ичинен коркуп жатты, качан гана мал сарай көрүнгөндө кубанып кетти:

- Эми келип калдым, сиздерге рахмат.

- Атың ким? - деди Өмүркул аны көз кыйыгы менен карап.

- Саадат.

- Менин атым Өмүркул.

- Назар.

- Сейит, - деп кол алыша таанышышты, айрыкча Саадат менен Өмүркулдун көздөрү тиктешкенде чагылыша түшүп, бири-бирине тартылыша жүрөктөр дүкүлдөп кетип жатты.

- Мейли анда, мен келип калдым, сиздерге рахмат, - деп жылмайды Саадат.

- Жакшы кал чоң кыз, - Өмүркул кайра колун сунуп кыздын жумшак, назик колун бекем кысып анан узай берди, ошондон тартып Өмүркул Саадатты ойдо болсо ойго, тоодо болсо тоого барып жүрүп экөө бири-бирисиз жашай албай турган болуп калышты, ата-энесинин каршылыгына карабай кыш жаңы гана түшкөндө үйүнө ала качып кетти, Өмүркулдун ата-энесинин колунда жок эле, тууган уругу, тага-тайы келип эптеп куда тозушуп экөө үйлөнүп калышкан... Саадат ушуларды ойлонуп кетип өзүнчө жүзүндө жылмаюу пайда болду, таттуу күндөр, эзилишкен түндөр, бири-биринен бөлүнгүсү келбей, ысыктыгы тарабай биринчи кыздуу болгондогу кубанычтуу мезгилдер...

- Апа, сизге эмне болду? - деген Арзуунун үнүнөн селт этип алды, көрсө ыйлап отурганын сезбептир, - Апа, мени кечирип коюңузчу, - деп Арзуу апасын кучактап кошо ыйлап жатты, - Экинчи атамды жаман деп айтпайм апа.

- Болду кызым, мен жөн эле...

- Мага капа болдуңузбу?

- Жок кызым, эне дагы баласына капа болчу беле?

- Анда ыйлабачы апаке.

- Макул садага, экинчи ыйлабайм, - Саадат көз кычыктарын сүртө үндөбөй отуруп калды, Өмүркулду эстеди, анын үйдөн кетип калганына ичи ачыша ызасы күчтүү...

Өмүркул Алиманын үйүнө барганда ал жаркылдап тозуп алды. Кабагы бүркөө экенин көрүп дасторконун жайып, бир бөтөлкөнү алып келип шыпылдап жатты. Бирок Өмүркулдун түнөргөн кабагы ачылбай астына куюп койгон аракты жутуп жиберип "Московский", бөтөлкөнү колуна алып өзү куюп дагы ичип жиберди:

- Өмүш, анчалык күйүтүң күчтүү болсо дагы абайласаң, - деди Алима.

- Ичим өрттөнүп жатат.

- Анчалык эмне болду? - Алима кызыга карады.

- Үйдөн биротоло кеттим.

- Ошого күйүп жатасыңбы? - Алима каткырып кое берди.

- Эмне күлөсүң? - Өмүркул аны ормое карады.

- Сүйүнүчтөн күлөм да.

- Ага эмнеге кубандың?

- Сенин меники болгонуңа, жанымда биротоло болооруңа, - Алима жылмая наздуу карап чыныны сунду.

- Сен эмне мени биротоло калат деп ойлойсуңбу?

- Анан эмне, кайра кетишиң мүмкүнбү? - Нааразы болгондой үн чыгарып кабак чытый туруп калды, - Демек ачууң тараганча алаксыгың келет го?

- Ооба, балдарымды ойлонуп жаман болуп турам, келе тигиниңден куйчу.

- Макул эми, бирөөнүн эри бирөөгө аманат деген туура экен да.

- Эмне кылышым керек, үй-бүлөөнү таштоо кыйын экен, - Өмүркул стаканды көңтөрө кайра койду, - Сен капа болбо, андан көрө күйөөгө тийип кетпейсиңби ыя? - Суроолуу карады, азыр анын оюнда эмне турганын билип болбойт эле.

- Эмнеге? - Алима түшүнбөгөндөй карап калды.

- Сен күйөөгө тийип кетсең мен тынч жашап калат элем да.

- Кызык, мени ким эле ала коймок эле? - Алима таарынгандай ызалуу карады, - Менден тажаган болсоң келбей кой да.

- Андай эмес, сен күйөөгө тийип кетсең үмүт үзүлүп калат эле да, сен биерде турганда башым сени көздөй шылк дей түшүп эле сага жөнөчү болдум.

- Мен сага көз каранды болгум келбейт Өмүркул, каалабасаң кете бер, мен сени жалдырап токтотпойм дагы, - деген Алима туруп кетти, ага дагы чынында кыйын эле, тийген күйөөсү жетим бала болчу. Баласы үйлөнгөндөн үч жылдан кийин өлүп калып Алима күйөөсү менен беш жылдай жашап балалуу болбоду, анан өзү дагы укум-тукумдан өткөн оорунун азабынан эрте кетип үй-жай Алимада калган, төркүнү коңшу айылда турат, алар алып кетели десе болбой коюп жалгыз жашап жүрөт.

- Алима, мен чынында сени жакшы көрөм, бир гана балдарды кыя албай жатпайынбы, - Өмүркул оор күрсүнүп алды да ага жакын келип өзүнө тартып кучактады,- Капаланба, жашоонун ушунусу эле кызык тура, өзүң башкага тиешелүү болуп туруп башка бирөөнү ойлоп, эстеп түнү бою эки оттун ортосунда жаткандай чабалактайсың адам, канткенде бир ойго токтолуп, өзүңдүн жолуңду табаарыңды билбей каласың, - Оор дем ала үшкүрүп алды.

- Мен сени кыйнабайм Өмүркул, ата-энем жалгыз жашабай кел дешкенинен дагы болбой койдум, алар ансыз деле мени күйөөгө бергени турат, өзүм көңүлдөнбөйм, Сагын экөөбүз сүйлөшүп баш кошконбуз, андан кийин сени менен болдум, башкага баргым келбейт, - деди ойлуу Алима.

- Өмүр бою жалгыз жашай бересиңби?

- Маңдайга жазганды көрөм да... - Экөө тең үн катпай калышты, өз-өз ойлору менен алек болуп жаткан эле, Өмүркул ага боору ооруду: "Буга дагы кыйын, жападан жалгыз калган кандай жаман, Саадаттын жанында балдар бар, жалгыз эмес", - деп ойлонуп отуруп тамак ичишип анан төшөккө киришти, ошол бойдон ортолорунда ашыкча сөз болбойт, Өмүркулдун кечке үйдө жатып ичип-жегени Алимага жага бербесе дагы аны караан болсун дегендей үн дебеди, эки-үч маал тамак жасап берет, арадан бир жума өткөндө Алима төркүнүнө барып жетишпегендерин алып келгенге бара турганын айтты эле Өмүркул:

- Барсаң качан келесиң?

- Эки-үй күн турам го.

- Барып эле баса бербейсиңби.

- Жок болбойт, - Алима аны: "Же биротоло калгысы келбесе, же иштеп жок дегенде ичкенин таппаса кеткени жакшы, эгерде биротоло калса анда баарына кайыл элем", - деп ойлоп калган.

- Анда мени кет дегениңби? - деди Өмүркул бир нерсени сезгендей.

- Эмне кыласың анан, үйдө тура бересиңби?

- Жо-ок, кереги жок, сен кетсең мен дагы кетем.

- Үйүңөбү? - Алима аны мыскылдуу да ызалуу да жылмая карады,

- Ооба, - деди Өмүркул орой, - Анан кайда бармак элем?

- Аялың боктуу таяк менен кубаласачы?

- Ал андай аял эмес.

- Жакшы аялдан дагы эркек качабы?

- Алима, муну менен эмне дегиң келип турат?

- Балким жакшы аялдын баркына жете албаган өзүңдө мандем бар го анда? - деп кер какшык менен айтты да эшикке чыкты, анын бул сөзү Өмүркулдун жинин келтирди.

- Алима, - Өмүркул ага катуу сөз сүйлөмөк болду, бирок өзүн кармап жумшак гана, - Анда сен барып кел. Мен кеттим, - деп босогону карай басканда:

- Бирде анын койнунда, бирде менин койнумда болуп кудайдын эрке баласындай тайтаңдабай өз үй-бүлөөң менен боло бер, бул кылыгыңа аялың чыдаса да мен чыдабайм, - деди Алима.

- Эмне-е? - Өмүркул аны эми гана көргөндөй карап туруп калды.

- Чындыгы ушул Өмүркул, мындан ары өз-өз жолдорубузду табалы.

- Жарайт, - деди Өмүркул камырабай.

- Анда чыктык, кош бол эми, жакшы жүр.

- Жакшы жүр, - Өмүркул кайрылбастан басып кетти, Алима үйүн кулпулап аны артынан ызалуу карап туруп кадимкидей жини келип буулуга ыйлап жатты: "анын Өмүркулду өзүнө жалдырап кетпей үйдө болуп турайын, сен тез кел", - деп айтат деген ою ордунан чыкпады, антмек тургай басып кеткени анын күйбөгөн жерин күл кылып отурат, кайрылбай кетип калганы кантип болсун, баш аягы беш-алты жылдан бери эрди-аялдай каалаганда келип, каалаганда кетип жүрүп эми кылчайбаганы: "Акмак, эркектердин баары ушундай болот тура, ойнош оттон ысык, кала берсе боктон сасык деген ырас экен да, мен ал үчүн сасыган этче бүксүп калган экенмин да, кете албай араң турган экен, эми келгениңди көрөмүн, келсең дагы үйгө киргизбеймин", - деп кайра үйүнө кирди. Ал Өмүркулду эмне дээр экен деген ойдо калп айткан болчу, эми ал анын үй-бүлөөсүн бузуу үчүн бир нерсени ойлоп тапмак болду...

Өмүркул үйүнө кирип келгенде Саадат төшөктө жаткан болчу, ыйлап-сыктап күйөөсүнүн башка аялга кетип калганына ызаланып жатып башы ооруп калган, төрт баласынын келечегин ойлоп гана жаткан болбосо намыс үчүн өзүн өлтүрүп да алгысы келип кеткен күндөрү болбодубу.

- Сага эмне болду? - деди Өмүркул кирип келип эле.

- Эчтеке, - Саадат жүзүн терс буруп кетти.

- Башың кайра ооруп жатабы?

- Эчтеке, мени менен сенин ишиң канча?

- Ачууланбачы Сакин, мен эмне кылдым?

- Эчтеке кылган жоксуң, сүттөй аксың, бирок менин сени көрөйүн деген көзүм жок Өмүркул, бекер келипсиң, жылуу ордуңду суутуп келбей эле койсоң болмок, - дегенде Саадаттын көз кычыктарынан сызылып аккан жаш жаздыкка сиңип жатты.

- Сакин, - Өмүркул анын жанына отурду, балдары сыртта, Арзуу түшкүгө тамак жасап жаткан, - Өткөн кеткенди кечир, ортобузда балдар турат...

- Ошол элеби, балдар гана кармап турса анда жолуң ачык, балдардан кам санабай эле кой, биз эми жашай албайбыз, жүрөк муздап калгандан кийин кайдагы жашоо...

- Сакин андай дебе, мен сенден айрылбайм, сени жакшы көрөөрүмдү кеч түшүндүм.

- Кереги жок, сый гана ажырашып алганыбыз оң, сен өз ордуңду таптың, балдарга жолугуп турганыңа каршы эмесмин, менин жүрөгүмдө сен үчүн орун жок!

- Кантип, мен сага биротоло келбедимби?

- Жанымды оорутуп жаракат келтирдиң, этиме так салдың, анын баарын кечирдим, эми жүрөгүмө салган кара тагың мени жибите албайт, - деп Саадат ары карап кетти, муңкана ыйлап жатты, ашканада жүргөн Арзуу баарын угуп турду: "Кеткени жакшы, бизди качан ойлоочу эле, атадай жакшы караган деле жок, апам эле кейибесе болду", - деп ойлонуп жатты. Өмүркул башын жерге салып чыгып кетти, ал өмүрү жан кыйнап иштеген эмес, Саадат балдарынын пособиясы менен кээде иштей коюп өзү багып келе жатат.

- Апа, атам эми мас болуп келбейби? - деп Арзуу атасы чыгаары менен кирди.

- Келбейт кызым.

- Корком апа, андан көрө таятамдарга айтып арыз жазып ажырашпайсызбы?

- Кетсе болду кызым, - Саадат улутунуп алды, - Кагылайыным десе, сен бойго жеттиң, сенин тагдырың меникине окшобосо экен, - Арзуу апасынын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жатты:

- Сиз кейибей, оорубай жүрүңүзчү апа.

- Оорубайм кызым, жан кейиткен оор дарттан дагы жан жарасы күчтүүлүк кылат экен кызым, асты сен бактылуу болсоң болду, - Эне бала көпкө өз ойлору менен алышып отурушту, анан түшкү тамагын ичишкен соң гана Саадат ордунан туруп бир аз жасамыш этти, алаксып кеч киргенин дагы байкабай калышкан экен, ойноп жүргөн Эмилбек жүгүрүп келди:

- Апа, атам мас болуп келе жатат!

- Апа, жашынып калыңыз, - деди алаңдаган Арзуу, аңгыча эле Өмүркулдун сөгүнүп бакылдаган үнү угулду.

- Кана, энеңер кайда кетти?

- Апам таятамдыкына кеткен, - деди Арзуу чыга калып.

- Атасынын башына кетеби, эмне жумушу бар экен?

- Билбейм...

- Бар чакырып кел!

- Кеч кирип калбадыбы ата, жол ээн корком.

- Жөнө! - деп бакырганда Арзуу көзүн жумуп жиберди, Эдилбек менен Эмилбектер Сайра болуп бүрүшүп отуруп калышкан, Өмүркул мас болгондо алар ушинтип чымын үнү угулчудай тымтырс болуп калышат.

- Ата, - Арзуу ыйлап жиберди.

- Сөз кайрый турган болуп калгансыңбы? - деп жиндене Арзууну колунан алып үйдү көздөй сүйрөп кирип төргө түртүп ийгенде анын кандай ою бар экенин эч ким билип болбос эле, - Кана барбайсыңбы, апаңды жашырып жатасыңбы ыя? - деп маңдайына тизээлей отуруп калганда Саадат чыдабай чыга калды, анын оюна жаман нерселер келип кеткен эле.

- Мына мен бул үйдөмүн, кое бер кызды! - дегенде бурула калып өңү бузула ордунан жай турду да анын теке маңдайына келди:

- Сен менден жашырынып жаттыңбы?

- Ооба, сенде адамдык сапаттын жок экенин билем, - Саадат ушу кезде тилин тартпады, - Кана, өлтүргүң келсе өлтүр мени, балдарга тийбе!

- Баатыр болуп калгансың го? - деди да Өмүркул аны жаактан ары чаап чачтан алды, - Сен мени менен эрез талашкың келеби ыя, аял экениңди унутуп калдыңбы, эркектердин этегине намаз окушуң керек! - деп чачынан алып тепкилеп жатты, Арзуу чырылдап ортого түшсө аны түртүп ийет, - Сен менден ажырашкың келеби ыя, же башка бирөөнү таап алдыңбы, сени мен эч кимге жок кыламын, мага дагы башкага дагы жок болосуң! - Ошол убакта үч-төрт коңшусу кирип Саадатты ажыратып калышты, Саадаттын бети башында тамтык жок, көк тулуп болуп калган, ичке тепкени башка, баса албай өзүн жоготуп койду, ошол кезде коңшулары милиция чакырып Өмүркулду алып кетти, Саадатты түндөп райондук ооруканага жеткиришти. Суусар таң атпай жетип келип абалды угуп эле районго кетти.

- Кызым, - Суусар көзүн ачып көгала болуп жаткан Саадатты баса калып ыйлап жиберди, - Ушул шүмшүктөн эбак ажыраш дегенимди укпадың, ал сенин түбүңө гана жетет кокуй.

- Апа, дагы баштадыңбы, мен эчтекени сүйбөй турам. - Саадат онтоп алды, - Андан көрө үйгө бар апа, - Саал башын көтөрүп акырын шыбырады, - Өмүркул үйгө барып калбасын апа, Арзууну сакта, анын жаман ою бар окшойт...

- Эмне дейт ботом, өзүнүн кара чечекей кызы...

- Жо-ок апа, мас немеге арга жок, мен болбосом кечээ ким билет эле, - Саадат болгонун айтып берди, - Кызымды кара апа, ансыз деле жокчулуктун айынан өз теңтуштарынан кем болуп жүргөн неменин жүрөгүнө кеткис жара калбасын.

- Капырай ниетиң куурагыр, мынчалык жырткыч болбосо эмне... - деп Суусар алып келгендерин тумбочкага коюп кызы менен коштошуп кайра айылга кетти, Өмүркулду суракка алып, анан Саадатка милиция келди, ал аны каматкысы келбей:

- Мен ага арыз жазбаймын, болгону ажырашканга макул болуп мени тынч койсун, - деди да ажырашканга арыз жазды, ошентип ал аны көргүсү келбей калды, милиция Өмүркулга коркутуп кол койдурду, эгерде ажырашканга макул болбосо үч жылдан беш жылга чейин кесилээрин айтканда кол койду да өзүнүн кылган ишине өкүнүп кетмек болгондо:

- Эми ал үйгө барбайсың, эгерде балдарыңа, же аялыңа бирдеме болсо сен күнөөлүү болосуң, - деди участковый, аргасыз Алиманын үйүнө барды Өмүркул, ал болгон окуяны угуп билип эле турган, кабак бүркөй сүйүңкүрөбөй каршы алды:

- Ийи, келген экенсиң?

- Келдим Алима.

- Ызаң, ачууң тараганчабы? - Сынай карады, анткени анын эми бараар жери жок экенин биле турган.

- Койчу Алима, сенин көздөгөнүң ушул эмес беле, мына эми баары бүттү, ажырашып тындык, - Күңкүлдөй жер карап отура кетти.

- Мен үчүн дегени турасыңбы?

- Жо-ок, андай эмес, болоор иш болду, мен эми сеникимин.

- Болгону ошолбу?

- Андан башка дагы не керек сага?

- Мен сени аялыңды саба, анан ажыраш дедим беле?

- Саба дебедиң, ажыраш дегенсиң?

- Анда мындай, мени менен кала турган болсоң ата-энеме, элдин алдына менин жүзүмдү ачасың, - деди Алима сынай.

- Ал болот, азыр эмес?

- Анан качан?

- Шашпа эми...

- Анан дагы бир шартым бар.

- Кандай шарт? - Өмүркул Алиманы ормое карап калды: "Бул шуркуянын дагы кандай ою бар, жылаандын башын чыгарып турганын кара", - деп ойлонуп калды.

- Бекер жүрбөй иштейсиң.

- Кайдан табам?

- Мен сени үйдө бекер жаткырып бага албайм.

- Иш болсо иштейм да...

- Ичкениңди коесуң.

- Күндө ичип жаттым беле? - Жактыра бербей карады.

- Мен сага Саадат эмесмин, келтегиңди өлөрчө жеп аяп койгон, эгерде колуң тие турган болсо карап турбайм.

- Болдуңбу деги, какшанбай бирдемең болсо берчи.

- Отурбай жуунуп кийимиңди которуп кел, үч күндөн бери камалган жериңден бүргө менен канталаны кийимдериңе жүктөгөндүрсүң, - деди дагы жаңы кийимдерди алып келип жанына койду, - Душта ысык суу бар.

- Жарайт, - Өмүркул ыргылжың ордунан турду. Алима дасторкон жайып тамак-ашын жайнатып, бир бөтөлкөнү коюп күтүп турду. Өмүркул жуунуп кийим которуп келип дасторконго отурду, үч күндөн бери карды ачып араң эле турган шашып ичип жатып арак куюп сунган Алимага түшүнбөй карады:

- Бүгүн мен ич дегенде ичип ко, мындан кийин ичпейси0ң, - деди Алима анын көз карашынан түшүнө.

- Өзүң ичпейсиң деп алып эми...

- Чарчадың сен дагы, бүгүнчө уруксаат, - деп Алима кылгыра жылмайып койду, араң эле турган Өмүркул алып ийип отуруп калды.

- Рахмат.

- Рахматыңды кийин айтасың, кана эми сотуңар качан болот?

- Саадат ооруканадан чыкканда.

- Деги сага тиешелүү бирдемең барбы?

- Эмне болмок эле, ата-энемден калган үй эле, ал балдарда калат да.

- Үйдү экиге бөлдүрүүң керек.

- Жинди болбо, аны эмне кылам?

- Сатасың. Жарым акчасын алар, жарымын сен аласың.

- Болбогонду айтпа Алима.

- Мыйзамда ошондой, ажырашканда сөзсүз бөлүнөт.

- Төрт бала турбайбы, мага эчтеке тийбейт го?

- Эң сонун тиет, алтыга бөлүп бир бөлүгү сенде калат.

- Мен андай кыла албайм, алимент төлө десечи?

- Анысы дагы бар, төрт балага алимент төлөсөң кантип жашайсың? - деп Алима кабак чытый отуруп калды, - Өмүркул, анда экөөбүз жашай албайбыз, сен ушундайда башка жактан эле жай изде, - деди көптөн кийин.

- Ийи, эмне болуп кетти?

- Сен мени багасыңбы же өзүңдүбү, болбосо алимент төлөйсүңбү, башыма балээни үйбөй эле тынч жашаганым дурустур...

- Эн-неңди катындар, арам ойлуусуңар да ушундай, - деп Өмүркул дароо ордунан турду, - Ушундан көрө талаада жашасам тынч жашаармын, - деп чыгып бара жатканда Алима:

- Болуптур эми, бир жаңсыл болгуча жашай тур, анан каалаган жагыңа кетсең болот, - деди артынан.

- Жок, ооздон чыккан сөз атылган ок менен барабар!

- Өмүш, бир ачууңду мага бер, кечир мени.

- Башымды оорутуп жибердиң го. Келгениме эки сааттай болду, сенин оозуң тынбады, же мени баш көтөртпөй басып алгың келеби?

- Жок-жок, андай оюм жок, мени дагы түшүн да, жалгыз бой аялмын, сен келип кеткен соң кандай ушактар чыкканын билбейсиң, ата-энем болсо менден кечип коюшту, алардын кебин укпаганым үчүн жүзүм жарык болсун дегеним Өмүш.

- Мени ар кандай калчайм деп ойлобо, мен биротоло ажырашкандан кийин сага үйлөнөм. Ошого чейин чыдасаң калам, болбосо жолумдан калтырба.

- Жарайт Өмүш, ачууңду бас, - деп Алима Өмүркулду эптеп жатып кайра кайрыды, экөө андан кийин сүйлөшүшпөдү арадан бир ай өтүп Саадаттын жаракаттары айыгып кадимкисиндей болуп калганда сот болду, сотто анын балдарын эске алып алимент чектеди, үйүн алтыга бөлүп бир бөлүгүн Өмүркулга тиешелүү деп таап, үйдү баалап туруп кайра ага тиешелүү бөлүктүн акчасын алименттин бир жылдыгына чегерип койду да ажырашуу соту аягына чыкты, ошентип алар ажырашып тынды, Өмүркул сөзүнө туруп Алимага үйлөндү бир эле, бир журт болгон соң баары угулуп эле турду. Туку карындашынын абалын ата-энеси ачык айтпаган соң билчү эмес, анын үстүнө жайкысын кой багып жайлоодо, кышкысын кыштоодо болот. Ага болгондун барын аялы Гүлсүн айтып койду, бул кезде Өмүркул Алимага үйлөнүп алган, тоодон келип атасына суроолуу карады:

- Силер Өмүркулду чектен чыгарып ийдиңер, кандай акысы бар анын, Саадатты каратып туруп катын алып алгыдай?

- Болоор иш болду да балам, аны эмне кыласың? - деди курман, ал баласынын кыял жоругун билет, кокус Өмүркулду бирдеме кылып коюп түрмөгө түшүп калабы деп коркот.

- Мен аны жөн койбойм, катын алмаштырган ага оюнчук бекен? - деп атырыла чыгып кетти. Ал Алиманы тааныйт, дароо эле үйүнө барды, эшик ачуулу эле, Алима менен Өмүркул чай ичип отурган, Туку кирип келгенде экөө тең ордунан тура калышты, үн-сөз жок бири-бирин карап калганда Туку сөзгө келбей эле Өмүркулду карыдан алып сыртка сүйрөп алып чыкты:

- Сизге эмне болду, кое бериңиз, - деп ортого түшкөн Алиманын колун силкип жиберди.

- Жогол шуркуя, баарына сен күнөөлүүсүң! - деди да Өмүркулду ур-токмокко алып сабады, - Саадаттан ушул катын ашыкпы акмак, балдарыңды алып келип бак, мен сага алып келип беремин, жакшы көргөн аял сенин балдарыңды дагы баксын! - деди да кетип калды. Өмүркул жерде түйүлүп жатты, ал өзү да муну күтүп жүргөн, эми өлтүрбөгөнүнө кубанып жатты.

- Өмүш, жүрү милицияга барып арыз берели, - деди Алима.

- Эмне деп, ажыраша электе эле экөөбүз жүрчүбүз деппи?

- Сени урганын айталы.

- Эмне үчүн дегенде баары чукулаарын билесиңби өзү?

- Ушинтип кала беребизби?

- Сен бар, менин доом жок, бетим дагы чыдабайт, - деп Өмүркул онтолой үйгө кирди, - Сен барып көр, бирок чындыкты бурмалай албай колго түшүп беребиз, сен бузуку аталасың, үй-бүлөөсү бар эркекти азгырганың үчүн сен дагы жаза аласың, мыйзам деген толтура, кээде чындык чыркыраган бойдон күйүп кетсе кээде болбогон ишке мыйзамдын укуругу узун болуп чыга келет.

- Демек сен арызданбайсың.

- Ооба, бир өлгөнүм жетишет, эки өлө албайм.

- Макул, унчукпай кала бердик дейли, дагы келсечи?

- Келбейт, аны мен жакшы билем.

- Болуптур, - Алима ызалана отуруп калды, алар ошентип күнүмдүк жашоосун уланта беришти, Арзуу мектепти эптеп бүтүрдү, Суусар ага кыздарынын кийимдерин алып келип берет, Саадат үйүнөн кийим тигип акча таап жатты. Кийинки кездери ал кеп көтөрүмү жок болуп балдарына заар тилин агытып калчу адат тапты, кээде ачуусу келсе Арзууну дагы колуна эмне тийсе уруп ийет. Сайранын жүрөк оорусу күчөп ооруканага жатып калганда андан бетер ачуусу чукул болуп бара жатты, эки уулу кээ-кээде атасына качып кетчү болду, ошол арада Арзууну Иманбек ала качып кетти, бардык шаан-шөкөтүн Курмандар кылды, Арзуу эми бактылуу болом деп келген жерине кызматын аябады. Иманбектин кызганчаактыгын жаш неме билген деле жок, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп өссө да турмуштук тажрыйба жок эле. Үйлөнгөнүн куттуктап достору келген, үйлөнгөнү, үйлөнбөгөнү дагы бар эле, Мурадил деген классташы келгенден эле Арзууга карап сүйлөй берди:

- Ээ досум. Биздин айылда дагы сулуу кыздар бар экен да, кайдан таап алгансың аяшты? - деди эле Иманбек кабак чытый:

- Көргөн жок белең? - деп койду.

- Көрбөптүрмүн, буйрусун досум.

- Арзуу чынында айылдын сулуусу эле, биздин досубуз илип кетти да, - дешип бакылдап жатышты, Иманбектин кабагы ачылбай досторун узатып кирээри менен эле Арзууну кекиртегинен алды:

- Алар сүйлөгөндө көздөрүң тим эле жалдырап калды да ыя?

- Иманбек, эмне деп жатасың?

- Экинчи эркектерди карап жалжайганыңды көрбөйүн уктуңбу?

- Ооба, кое берчи ооруп кетти, - Арзуунун көзүнөн жаш куюла сүйлөдү, - Менин күнөөм кайсы?

- Бир кылт этип жаңылсаң тирүү жүрөм деп ойлобо! - деп кое берип башын мыкчый отуруп калды. Арзуу ыйлап жатып алган, көптөн кийин гана Иманбек анын жанына жатып кучактап өзүнүн кызганчаактыгы үчүн кечирим сурап жатты. Акыры Саадат кызы Сайраны дарылатуу үчүн үйүн сатып шаардан чакан үй сатып алды да калган акчасын кызын дарылоого жумшады. Чакан орун алып базарга чыга баштады, эл баш-аламан болуп жаткан кез, Иманбек дагы шаарга көчүп келип Арзууну кийим тиккенге киргизип экөө жашап жатышты. Бир күнү экөө жолдо кетип жатышкан, алды жагынан үч-төрт жигит өтүп кетти, Арзууну күйөөсүнүн сырын билгендиктен жер карап бара жаткан болчу, бир кезде анын желкесине Иманбектин колу дүңк дей түштү:

- Иман, эмне болду? - Арзуу сүрдүгө жыгыла жаздап токтоду да Иманбекке карады.

- Ат-таңдын башы, жанагылардын кимиси менен таанышсың, сени ылжыңдап карап өттү го? - деп эми чачтан алды.

- Кудай урсун тааныбайм, мени эмнеге карамак эле, - Эки колу менен чачын бошотмок болуп өткөн кеткенден уялып ыйлап жиберди.

- Ыкы. Актанып жатканын, сени үчөө тең карап өттү го?

- Адам болгондон кийин карайт да, кое бер дейм!

- Өлтүрөмүн сени, жер карап бас дебедим беле?

- Жер карап эле келе жаттым го.

- Калп, уурдана аларга карап эмне белги бердиң? - деп маршруткага түшмөк болуп келе жаткан неме чачынан сүйрөп сөгүнгөн бойдон кайра батирине келишти, - Экинчи эч жакка чыкпайсың, үйдөн чыга турган болсоң союп коем! - деп төр жакка түртүп ийди, Арзуу ботодой боздоп ыйлап тагдырына нааразы болуп апасына барып айтмак болуп жатты. Бирок апасынын дагы аны уга турган акыбалы жок болчу, сиңдиси оор абалда, он-он беш күн үйдө болсо бир айдай ооруканада болот, иштеп жатканда акчасынын көбүн дары-дармекке берчү, эми иштетпей койгонго Саадаттын оозунан ак ит кирип кара ит чыкчу болду. Бир күнү Саадат өзү келип калды, Иманбек жок болчу:

- Үйдө эмне жатасың, Сайранын акыбалын көрүп туруп жардам берсең боло? - деди кирип эле.

- Апа, Иманбек иштетпей жатат, - Арзуу арың муңун айтмакка ыйлап-сыктап отурду, - Эмне кылаарымды билбейм. Кандай кордогонун көрсөң...

- Мен эмне кылайын эми, кимиңе арачы түшөм, тигил болсо ажал менен алышып жатса, сен кичине ден-соолугуң таза го, Иманбекке мен айтайын.

- Апа, анда эле мени өлтүрөт, жөн өлтүрсө жакшы кыйнабай...

- Эмнеге ботом, сени иштесин дебейинби.

- Анда деле болбойт, - Ошол убакта Иманбек кирип келди.

- Келиңиз апа.

- Келдим айланайын, Арзууну иштеп акча тап дейин деп келгенмин, Сайранын акыбалы оор, дары-дармексиз жашай албай калды, операция жасатканга акча көп керек экен, - Саадат бежиреп кирди.

- Ии-ий мейли иштесин, менин дагы ишим болбой жатпайбы.

- Антип жардам бербесеңер болбойт балам.

- Жарайт апа, Арзуу силерге берсе мен өзүбүзгө сарптайм, капа болбоңуз, - деп үңкүйө отуруп калды, Саадат кеткенден кийин:

- Иштетпей жатат деп арызга отурдуңбу? - деди Иманбек.

- Жо-ок, көрбөй жатасыңбы, Сайранын ансыз деле акыбалы оор го, же барып көрө албай отурам.

- Тилиң чыгып бара жатат го ээ?

- Сүйлөсө да болбойбу эми.

- Кийинки кездерде башкача болуп бара жатасың, ушу батирдегилердин бирөөнү билсем экөөңөрдү кошоктоп мууздайм, - деп кыжына карады.

- Иманбек, мени ушинтип кордогону эле алдың беле, үйлөнгөнү бир дагы жакшы сөзүңдү укпадым, элдер деле түгөйлүү, үй-бүлөөсү бар, мендей болуп эч качан кордук көрбөй эле ээн-эркин басып жүрүшөт, иштешет экен, - деп Арзуу оозун жыйганча кулак түпкө тийген колдун күүсүнөн кулагы тунуп көзү караңгылай түштү:

- Апа! - деп отурган жерине кулады.

- Сен эми ээн-эркин болгуң келет экен да, кана каякка баргың келет ыя, ким менен эркин болгуң келет? - деп ургулап жатты:

- Болду Иман, болду эми өлтүрөсүң, - Арзуу бошонууга тырышып жатты, - Сен түшүнбөйсүң, мыкаачысың Иман, сен мени ушундан көрө өлтүрүп сал! - деп бакырды анан бошоно албаганда, бир жак жаагы шишип, көзү көгөрүп кеткен.

- Тарт тилиңди, өлтүрүп кое электе!

- Өлтүрө бер!

- Мына сага! - деп жаакка алмак-салмак ургулап жатты.

- Апа-а! - деп ачуу чаңырган бойдон Арзуу эсинен танды.

- Эн-неңди, ээн-эркин болгусу келгенин кара, бир жылдан ашты же төрөп бербейсиң, - деп сулк жатып калган Арзууну кыймылдабай калганда гана чоочуп кетип төшөккө көтөрүп барып жаткызып, көгөргөн жерине муздак суу басып колдорун кармалап жатты, - Арзуу, көзүңдү ач, экинчи урбаймын, болгону сен мага өзүмө окшотуп бир бала төрөп берсең болду, мен сени кандай сүйөөрүмдү сен билбейсиң, жанымдан да артык көрөм, ошондуктан кызганып эч кимдин колун тийгизгим келбейт, көз карашын ыраа көрбөйм, - деп сүйлөп жатканда Арзуу:

- Суу, суу берчи, - деди кыймылга келип.

- Азыр, - Иманбек шашыла тура калып суу алып келди, - Суу ичесиңби Арзуу.

- Берчи, - Башын көтөрүп бүткөн бою ооруксунуп калганга:

- Аа-ай! - деп жиберди.

- Кечирчи жаным, экинчи мындай болбойт.

- Жаным ооруп жатат Иман, көп сүйлөбөчү.

- Кечирим сурап жатам го?

- Уга турган абалым жок, - Жүзүн буруп кеткенде дагы жини келип барып өзүн кармады.

- Каериң оруп жатат?

- Бүткөн боюм бүт...

- Кечир мени Арзуу.

- Канчага чейин мени эзип жашайсың деги?

- Сен өзүмө окшотуп уул төрөп бергенче?

- Төрөбөй калсамчы?

- Төрөйсүң.

- Иман, мен врачка көрүнгөнмүн, - Арзуу ары карап жатып ыйлаган бойдон айтып берди, - Мени төрөбөйсүң деген...

- Кантип, эмнеге?

- Ошол, боюма болбогонунан барганмын.

- Мага айтпайт белең.

- Эмнесин айтам, сүйүнчүлөмөк белем, ыгы келгенде айтайын дедим.

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес, мен өзүм кошо барам, ошондо билебиз, - деп Иманбекке бул сөз катуу тийип сыртка чыгып кетти, андан кийин түнөрүп өзү тамак жасады, Арзуунун кыймылдаар акыбалы жок эле, денесинде таза жери жок көгала, эти ысып дары ичип эс алды, Иманбек ага ысык шорпо берип эки-үч күн карады, бир аз дурус болуп калганда ээрчишип аялдар врачына кезекке туруп кезеги жеткенде Иманбек кошо кирмек болду эле аны акушерка токтотту:

- Сизге болбойт, биерде жалаң аялдар.

- Мен аялым менен...

- Аялыңызды биз көрөбүз, сиз күтө туруңуз, - деди акушерка жылмая.

- Чоң кыз...

- Убакытты албаңыз, - деп кирип кетти, Арзуу көрүнүп кайра чыкканда Иманбек сабыры түгөнө тозуп алды:

- Эмне деди?

- Ошол, мен айткандай эле.

- Жүрү, кайра киребиз, - Иманбек Арзууну колунан жетелеп кирип барды, гинеколог аларды көрүп болгонун айтып берди эле экөө сөзгө келбей эле сыртка чыгышты, үнсүз аялдамага чейин келишип батирине жеткенде Арзуу ыйлап кирди:

- Мен эми төрөбөйм Иман, азап тарттырып кыйнабай эле кое бер мени.

- Эмне? - Иманбек дендароо боло карап калды.

- Төрөбөгөн аял менен жашаган сага деле кызыксыз болуш керек, ата-энең укса эмне дейт, ансыз деле алар экөөбүздүн балалуу болушубузду күтүп жүрүшөт го?

- Жок-жок, сен али жашсың Арзуу, сен мага төрөп бересиң.

- Болбойт дегенин уктуң го?

- Сен антип менден кутулам деп ойлобо, билем сен мени сүйбөйсүң, - деп Иманбек анын маңдайына келгенде Арзуу коркконунан жүзүн калкалап бакырып жиберди:

- Тийбечи Иманбек, тийбечи кудай жалгагыр!

- Арзуу коркпо, мен сага тийбейм, - деп карыдан кармамак болгондо дагы бетин басып бакырып тура калды:

- Тийбечи мага, урбачы мени.

- Урбайм дедим го, коркпочу Арзуу.

- Корком, сен мени сабай1сың, - деп элиргендей эшикке качып чыгаарда аны кармап калды, - Тийбе дейм, мени урба Иманбек, - Бакыра бергенинен ачуусу келип төргө сүйрөп барып түртүп ийди.

- Сен менден ушундай жол менен ажырашкың келип жатабы, сага айттым го тийбейм деп, - Булкулдатып жатты, ага болбой тепкиленип бакырганынан ал Жаакка чаап-чаап жиберди, - Эсиңе кел дейм!

- Сен мени өлтүрөсүң, сенден корком, кое бер мени!

- Бас жаагыңды! - деп күч менен чаап ийгенде сырттан Иманбектин апасы кирип келди.

- Эмне болду карангүн, коңшуларыңдын баары сыртта жарданып кулак түрүп турушат, - деп үрпөйө карап калды, Арзуунун бетинен түгү чыгып кызарып кеткен, өзү кара-терге түшүп кыйкырып ыйлап жаткан.

- Апа, Арзуу эле...

- Эмне болду ага?

- Билбейм.

- Тур, муздак суу алып келчи.

- Макул, - Иманбек чыгып кетти, Сырга отура калды, Иманбек суу алып келди.

- Арзуу, сага эмне болду балам?

- Жо-ок, жок мени өлтүрөсүң Иманбек, корком сенден! - деп дагы эле бакырганда Сырга чоочуп кетти, - Кое бер мени, кое бер кетем. Сен мени өлтүрөсүң! - деп жулунганда Иманбек кармап бетине муздак суудан сылап жатты.

- Алда балам ай, жаш неменин жүрөгүн түшүргөнсүң го, тур молдо алып кел, дем салдыралы, - деди Сырга наалый.

- Доктурга эле алып барбайлыбы.

- Болбойт, дем салдырганыбыз жакшы, - деди эле Иманбек унчукпай чыгып кетти, ошентип Арзуу катуу ооруду, күйөөсүнүн кызыл камчылыгынан, бир жагы өзүнүн төрөбөй калаары анын мээсине катуу тийип нервден жабыркап ооруп калды. Молдого дем салдырып бир аз жакшы болгондон кийин врачка көрүнүп дарыланды. Бул убакыттын ичинде Иманбек менен такыр сүйлөшкөн жок, Сырга алардын жанында болду, Арзуу ошол күнү ойлонуп отурган, Иманбек жанына келип:

- Кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди.

- Жакшы, - Арзуу дагы жүзүн буруп кетти.

- Мага таарындыңбы Арзуу?

- Сага эмес тагдырыма капамын.

- Койчу эми, кечирип койчу жаным, эми башынан баштайбыз, бактылуу болобуз жаным.

- Болбойт Иманбек, ашыкча сүйүүдөн көңүлүм калды.

- Мен сенден ажырабайм.

- Мени эми кармай албайсың, - Ошол убакта Сырга кирип келе жаткан токтоп калды, - Төрөбөстүгүм үчүн сенин колуңдан өлгүм келбейт.

- Болду, аны апамдар укпасын, мен сенден эч качан бөлүнбөйм, кое бербейм, сен мен менен гана болосуң, төрөбөсөң бала багып алабыз, - деп сыртка чыкмак болуп келе жатып апасы менен беттешип калды:

- Каякка жөнөдүң? - деди Сырга уулуна.

- Эшикке эле.

- Ии-ий, - деп кирип кетти, Сырга келинин сырын тартып көрмөк болду, Арзуу: "Мен мындан ажырабасам болбойт, апасына ачык айтып Иманбек жокто кетип калам", - деп ойлонуп сөз баштады.

- Апа, Иманбектин балалуу болушун каалайм, мага капа болбоңуз, - деди айтып келип анан.

- Капырай, сен али жашсың да, отузга чейин деле төрөйсүң, доктурлар кудай болуп кетиптирби, - деп адегенде Сырга деле ишенбеди, ал уулунун кызыл камчылыгынан эле качып жатат деп ойлонуп турган, - Келгениңе эки жылга толо элек, үмүтүңдү үзбө кагылайын.

- Үмүт менен жылдарды өткөрүп ийгенде эмне?

- Кой айланайын, эми жыйырмага чыктың, кудайым берээрин унутпасын дечи ботом.

- Үмүт менен алданып жашай албайм апа.

- Өзүңөр билгиле, Иман эмне дейт?

- Ал ажыкыстанып жатат.

- Кеңешип анан чечкиле балам, - деп Сырга ойлонуп калды, Сырга эс алып сиңдисине барып келсин деп Арзууну апасыныкына жөнөтүп ийип Иманбекти айылга алып кетти. Иманбек экиң-үч күндө келип калам деп кетти, бирок атасы ага чөп - чар жыйнап бүткөнчө жооп бербеди. Арзуу ишке чыгып сиңдисине карап, өзүн жеңил сезип калды, Иманбекти эстесе жүрөгү бок эте түшчү эле, үч-төрт айдын ичинде унуткандай болду. Ага Жанболот деген жигит сүйүүсүн айтып артынан калбай калды, ал дагы кийим тиккен жерде үтүкчү болуп иштейт.

- Арзуу, - деди ал бир күнү жууштан чыкканда.

- Айта бер.

- Мен сени бүгүн кечки тамакка чакырсам барасыңбы?

- Убактым жок Жанболот.

- Суранам Арзуу, - Алдына өтө калып жолун тозду.

- Менин күйөөм бар экенин билесиң да.

- Билем, бирок сени сүйөм Арзуу.

- Болбогон сөздү кой, мен күйөөлүү аялмын.

- Азыр күйөөң жок, чайлашып эле кетебиз, макул болуп койчу.

- Кандай сөз укпайсың?

- Макул десең анан угам.

- Болуптур, бир азга эле...

- Кеттик анда, - Алар ээрчише басып кафеге киришти, ичи кооз, үстөлдөрүнүн үстү таптаза дасторкон менен жабылган, пардалары бөлмөгө кирген адамдын көңүлүн көтөрө сергикен салкын кафеде бет маңдай отурушту.

- Үйлөнгөнсүңбү? - деди Арзуу.

- Ооба, аялым бир балам менен кетип калган.

- Эмнеге?

- Кайненем жашатпай койду.

- Эмне деп?

- Биз жакпадык, энеси абдан бай турат.

- Бай турса эмне экен?

- Ошондой, анын үстүнө жалгыз эле кызы болчу, апасы сен деген мына мынча байлыктын ээсисиң, ошол томояктардын менин байлыгыма ээ болушун каалабайм, тектүү жерге күйөөгө тиесиң, дептир аялыма ал мага айткан эмес, иним алардын сүйлөшкөнүн угуп калыптыр, аялым кеткенден кийин айтпадыбы.

- Сүйлөшүп баш коштуңар беле?

- Ооба, сүйлөшүп жүргөндө билген эмесмин.

- Сени сүйгөн болсо, балаңар турса келет да.

- Эми келсе дагы кереги жок, мен намыскөймүн, өлбөстөй жашообуз бар, эл катары эле турабыз, кайненеме жакпадык, - Жанболот оор күрсүнүп алды, - Баламды гана сагынам, менден алыс өсмөк болду.

- Канча жашта?

- Үч жашка чыкты.

- Али жаш турбайбы.

- Ошо жашынан корком, мени билбей калабы деп.

- Барып турсаңчы.

- Көрсөтпөйт, аялымды чыгарбайт.

- Ошондой адамдар дагы бар экен да.

- Толуп жатат, адал акча болсо бир жөн, крим дүйнөнүн кишиси экен кайнатам, кийин дайынсыз болуп кетиптир, эки кайнагам чоң бизнесте, алар анча деле киришкен жок, анткени жеңесинен өтүнө алышпады окшойт, чынында байлыгын уул баласы жок деп тартып алат деп алардан коркот экен.

- Мен дагы ошентип ойлойм.

- Эмесе кетели, - Арзуу жылмая карады.

- Макул эми, кетсе кетели.

Шып алгыла

- Эч нерсе эмес, кээде кыйыктанбай эле чакырганда келип жүр ээ? - Жанболот анын колунан кармай күлүп калды, - Башың бош эмес экенин билем, бирок менимче жүрөгүң бош Арзуу.

- Аны кайдан билдиң? - Арзуунун бакырайган көздөрү күлүмсүрөп турду ушул учурда, - Балким жүрөгүм менен башым бир адамга байлануудур?

- Мен сенин көздөрүңдөн байкайм, - Ээрчише сыртка чыгып аялдаманы көздөй сүйлөшүп кетип жатты, - Негедир көздөрүңдө турмушуңа нааразылык тургандай сезем.

- Андай болушу мүмкүн эмес, - деп Арзуу жер карады.

- Макул, бактылуу болсоң сага жолтоо болгум келбейт Арзуу, мен сүйгөн адамдын бактылуулугу мени дагы бакытка бөлөйт, - Арзууну сынай карады, анын жүзү томсоро калпы чыккандай эки бети албыра маршрутка келчү жакка үнсүз тигилди. Экөө эки жакка бөлүшүп кетишти, Арзуу үйүнө келсе Иманбек келип күтүп жатыптыр, тура калып бетинен өөп учурашты.

- Иш кандай, ден-соолук жакшыбы?

- Жакшы...

- Ушунча кеч чыктыңбы?

- Түнгө чейин иштейбиз, бүгүн аз болуп эрте чыктык.

- Аа-а, - деген Иманбек кайненесинен, оорулуу балдызынан тартынып башка эчтеке дебеди.

- Иманбек, мен айтпадым беле, биз ажыраштык, заксыбыз деле жок, эми тынч эле бөлүнгөнүбүз туура го? - деди Арзуу көптөн кийин.

- Жаман-жакшы айтышпай тынч эле ажырашып алгыла, - деди Саадат токтоо гана, - Бешенеге жазса кантет элеңер, бул да болсо кудайдын кылганы.

- Жок Арзуу, мен сенден ажырабайм.

- Мен сени менен жашагандан корком, өз өмүрүмдү тобокелге сала албайм, - деп Арзуу айтканда Иманбек чай ичкен үстөлдү бир муштады:

- Мен сени эч кандай кое бербейм!

- Анда өлтүрүп сал, менден үмүт кылба! - деди Арзуу дагы айтканын кайтпай, ошондо Иманбектин чыдамы кетип апасынан айбыкпай эле колунан тартып эшикти көздөй сүйрөдү.

- Сен менден кутулгуң келеби, мына кутулуп көр! - деп сүйрөп бара жатканда Саадат анын жолун тозду, Сайра бир жагынан жармашты:

- Кое бер, күч менен жашата албайсың! - Саадат кыйкырганда Иманбек аны түртүп ийди.

- Жолдон качыңыз!

- Качпайм, кызымды бошот, өлтүрөсүңбү аны?

- Өлтүрбөйм, алып кетем. Мени менен тынч жашай турган болот.

- Милиция чакырамын азыр, - деп Саадат сыртка чыкканда ызы-чууну угуп беш-алты коңшу аялдар келип калышкан экен, бирок аларга дагы бой бербей Иманбек Арзууну алып кетти, жолго чыккандан кийин ыйлагандан башка эчтеке дей албай келе берди, колунан бекем кармап өз басыгы менен дегдеңдетип келе жатты:

- Акырын басчы Иманбек,, - деди ыйламсыраган Арзуу.

- Сен өзүң кааладың ушуну, мен жокто башка эркекти көрүп калгансың го, үнүң катуу чыгып калыптыр? - деп дагы дегдеңдете тартып койду.

- Андай эмес, эмнеге мени түшүнбөйсүң?

- башыңды ылдый кыл, бирөөнү карасаң азыр өлөсүң!

- Тажадым деги, дагы баягы жомогуңбу, мени жинди кылып баштадың го, эмне деген жансың? - деп колун тартып алмак болуп жулкту эле бошотподу, кайрылып жаакка чапканда бакырып ташка чалынып тизээси айрылып канап кетти, өтүп бара жаткан эки киши токтой калды.

- Ой бала, ургаачыга дагы ушундай мамиле кыласыңбы?

- Уят эмеспи, - деп жакын келгенде Иманбек.

- Жолуңуздардан калбаңыздар, өз аялымды кандай кылам өзүм билем, - деп оройлонуп бутунан аксап баса албай турган Арзууну сүйрөп жөнөдү:

- Акмак, бу адамдан чыккан жырткыч го?

- Милиция дегендер кайда жүрөт, тиги байкушту бул өлтүрөт го, кылмыштын үстүнөн чыкса жакшы болмок.

- Алар дайыма кеч калышат, мындайды көрсө дагы көрмөксөн да, - деп экөө сөгүнүп арт жагынан бара жатканда эки милиционер көрүндү эле аны чакырып аялын жетелеп кетип жаткан Иманбектин артынан жөнөттү.

Милицияны көрүп Арзуу:

- Мени куткарыңыздар, үйгө жетсе өлтүрөт, - деди тартынбай эле, ал тобокелге келген болчу: "Баары бир өлгөндөн бери кылат, андан көрө эмне болсо дагы көрдүм", - деген ойдо артына тартынып кыйкырганда Иманбек аны башка көзгө койгула жатты, эки милиция жетип аны кармап алды:

- Кое бер кызды!

- Бул менин аялым, эмнеге кое берем?

- Кое бер! - деп бири ичке муштады эле "ык" дей түштү, - Карачы мунун кебетесин, аялды да көчөдө ушинтип алып жүрөбү?

- Өз күнөөсү бар.

- Калп, эч кандай күнөөм деле жок, ушинтип ура берет, ажырашалы десем болбой алып кетип жаткан, - деп Арзуу тизээсин кармалап ыйлап туруп айтты:

- Бөлүмдөн териштиребиз, - деди да гомго алып келишти, Арзуу баарын ачык айтып арыз жазды, Иманбекти убактылуу камап койду, адам укугун тебелеп басынтып, аялын уруп-сабап моралдык да, материалдык зыян келтиргендиги үчүн үч жылга чейин кесилесиң дешти аны, ата-энеси келип Арзуунун алдынан өтүп арызын алдырышты да аны менен ажыраштырмак болушту. Ошентип ал дагы ооруканага жатып чыкты, бирок Иманбек ар кимди ортого салып, ата-энесин жиберип жатып кайра жараштырышты. Иманбек баягыдай болбой жакшы эле жүрдү, экөө эки жактан иштейт, жашоосу бир азга оңоло баштаган болчу, бир күнү эле ажатканадан чыгып келе жатканда жүгүрүп алдынан чыгып жыгылаарына карабай өтүп кетти: "Буга эмне болгон, ушунча шаштысы кеттиби", - деп таңгалган Арзуу үйгө кирээри менен кайра артынан кирди:

- Сен ким менен отурдуң ажатканада? - деди өңү бузула.

- Эч ким менен, эмне болду?

- Эмнеге ошончо көпкө жоголдуң?

- Ичим ооруп...

- Жалган, сен бирөөнү мен бара жатканда кетирип ийдиң да, - деп дагы мойнуна кармаганда Арзуу деми кысыла:

- Эч ким жок, өзүм эле болгому-ун. - дегенде кое берди да өзүн кармап отуруп калды: "Мунун ит оорусу кармаган экен", - деп ойлоп Арзуу унчукпай калды. Эртеси жумушка андан кийин чыгып бара жатып кийимдерин алды да: "Экинчи мени издеп убара болбогун, эгерде дагы тынчымды алсаң сөзсүз соттотомун, азыр милицияга арыз таштайм, бир нерсе болсом сен жоопкер болосуң", - деп баракка жазып коюп кетип калды. Жумушуна барбай башка жакка иштемек болуп андан качып кутулмак болду ал.

Апасына айтып коюп жумуш издеп таап иштеп калды, Иманбек кечинде келип катты көрүп эле жиндене кайненесине жөнөдү. Аны көргөн Саадат:

- Кел балам, Арзуу кана? - деди эчтеке билбегендей түрдө.

- Келген жокпу?

- Жок, келем деди беле?

- Айткан эмес, - деп ичкери кире албай туруп калды.

- Келген жок, жумушунда болсо эми келип калаар.

- Билбейм, - деп ичкери жакка көз жибергенде Саадат жай унчукту:

- Кир үйгө, чай-пай ич, - Мунусу аны үйдө жок экенинен кабар бергени эле.

- Жок, үйгө барайын, - деп кайра артына бурулду, ашыкча сөз айта албады, Иманбек түнү бою жини келип колуна тийсе бир кумардан чыкканча сабагысы келип уйкусу качып жата калып, кайра туруп бөлмө ичинде басып чыкты. Бирок бул жолу ал чындап ажыраганын сезип көпкө чейин бир досунун машинасы менен Саадаттын үйүн түн бир оокумга чейин аңдып жүрдү, иштеген жерине барып сурап келбегенин угуп биротоло түңүлдү. Арзуу андан кадам сайын коркуп жүрүп мурунку жеринде албай калган акчасына келгенде Жанболот аны көрүп токтотуп калды.

- Эмнеге кетип калдың, башка жакта жакшы бекен?

- Жок, ошондой болуп калды.

- Билем, күйөөңдөн качыпсың.

- Болсо болгондур, менин кетүүм керек.

- Арзуу, бүгүн бир отурбайлыбы.

- Убактым жок.

- Каерде иштеп жатасың?

- Ушундай эле, көйнөк тигем.

- Дарегиңди айтып кет.

- Жарайт, - Арзуу кагазга дарегин жазып берип жөнөй берди, Жанболот аны узата карап туруп: "Кандай гана жакшы келин, жолукпаска жолугупсуң да-а, менин колума тийчү болсо кандай гана бактылуу болоор элек", - деп терең дем ала жумушуна кирди. Иманбекти ата-энеси ары айтып, бери айтып жатып башка бир келинге үйлөнтүп коюшту, анын дагы басканын аңдып, жүргөн турганы жакпай уруп сабай берип бат эле кетирип жиберди, анын издегени эле Арзуу болуп арадан эки жылдай өтүп кетти. Арзуу бул кезде кайра мурунку эле жумушуна келип иштей баштаган, Жанболот экөө кыз-жигит болуп мына үйлөнөбүз деп турушкан эле. Бүгүн дагы экөө кафеде бирге отурушат.

- Арзуу, үйлөнөөр күндү эртелетели, - деди Жанболот.

- Бир аз кое турсак кантет?

- Эмнени күтөбүз, ата-энеме жагып калдың, алар алып келе бер деп жатышат.

- Жанболот, менин сага айта элек бир сырым бар...

- Кандай сыр?

- Балким экөөбүз дос бойдон эле калганыбыз оңдур.

- Неге, менин ата-энем күтүп жатышат...

- Мен сага чынында сага турмушка чыгам деп айтпадым Жанболот, биз бирге болгондо дагы менин көзүмдөн жаш кургабай азапка түшөм го?

- Эмнеге антип ойлойсуң Арзуу?

- Мен... мен төрөй албайм Жанболот, сага төрөп бере албасам жашообуз супсак болуп өтөөр, же дагы күйөөдөн чыгып кеп болом го?

- Эмнеге, кандайча төрөбөйсүң?

- Мени күйөөм өзү дагы текшертип көргөн...

- Кызык...

- Мен бул сырымды билип туруп айтпай сага тийип алсам болбойт.

- Эч нерсе эмес, баланы багып алсак болот да, - деди Жанболот анын көңүлүн жубаткысы келип, - Кабатыр болбо, айтканың жакшы болду, бала күтүп жүрө бербей бей кам болобуз, - Келинди өзүнө имере тартты, ал чынында эле боору ооруп кеткен эле.

- Билбейм, азыр айта бересиң дечи, баккан баланын дагы азабы болсочу?

- Аны ойлонбой эле кой, мен сени төрөп бер деп кыйнабайм, балам турат го? - деп өөп койду, - Башкысы ортобузда бала болбосо кыйын болот го?

- Жаным десе, сары санаа боло бербечи, мен сени сүйөм Арзуу, - деп Жанболот аны сүйлөтө койбоду, ошентип алар эки жылдан кийин үйлөнүп той өткөргөнгө камынып калышты. Бул Жанболоттун кеткен аялына атайын эрегишкендегиси эле, дал ошол той күнү бакыт үйүнө Иманбек классташынын тоюна келип чыгып бара жатышканда алдынын Жанболот менен кол кармаша лимузинден түшүн келе жаткан Арзууну көрүп эле тык токтоду. Бирок жакындай албады, Арзуу аны көрүп муундары калчылдап, бүткөн бою титиреп буту шилтенбей калды, аны дагы келип жетелеп чачтан алабы деп коркуп кеткен.

- Арзуу, сага эмне болду? - деди Жанболот анын колдору калтырап өңү бозоруп кеткенин байкап. - Ооруп калган жоксуңбу?

- Жо-ок, - деп эриндери титиреп кетти.

- Анан эмне болуп турасың, карачы колдоруңду.

- Жөн эле, башым айланып кетти.

- Акырын, акырын бас, - деп жеңил колтуктап өйдө көтөрүлдү, качан гана нике бөлмөсүнө киргенде артын бир карап улутунуп терең дем алып алды: "Кудай ай, ушунчалык жүрөгүмдүн үшүн алган экен, кандай кудай сактады, уялса керек", - деп Жанболотко көз жүгүрттү.

- Эми эс алып калдым.

- Ошондой эле болсун, мен дагы коркуп кеттим, - Экөө жылмая колтукташып жадыраша ата-энелеринин коштоосунда нике күбөлүгүн алып жатканда Иманбек аларды босогодон уурдана карап туруп өкүнүп турган эле. Көрсө Арзууну алгандан баштап жадырап күлгөнүн көрбөптүр: "Мен акмакмын, ушундай сулуу аялымдан айрылдым, мага чала, бул дагы адам да, бактылуу болууга акысы бар", - деп улутуна артына шарт кайрылып чыгып кетти. Ашкере кызганыч адамды жолунан тайдырып, күнү аны өлтүрүп коеру да бышык болчу. Иманбек өзүнө жинденип ошол эле жерден тойго катышпай айылга кетип аялын алып келип алды, ал кеч түшүнгөнү менен турмуштан сабак алды, өзүм эмес башканын дагы оюн уга билүүнү үйрөндү, сыйласаң сый көрөсүң дегендей аялына жакшы карап жашоого түз көз караш менен кароону да билди...

Гүлбү таенесинин колунда өсүп чоңойду, Батма кайраттуу, сөзмөр абдан акыл-эстүү аял эле, жалгыз кызы Бегимайдын кызын багып алып караан кылып жашап келет. Бегимай он бешке чыкканда атасы капыстан ооруп дүйнө салды, кызы менен кыйынчылык учурда кайын журтунун арасында күйөөсүнөн калган малды багып, жалгыз уюн аш катык кылык күн көрүп ошол айылдагы ачарчылыктан кыйналган бала-чакалуулардын балдарына каралашып турган. Беш-алты жандыгын эптеп багып жайкысын чөп жыйнап алат. Бир топ үй-бүлөөдөн тың тураар эле. Бегимай көзгө толумдуу көздөрү бакырайган сулуу кыз болуп өскөнүн көрүп жуучулар келе баштаган, төртүнчү классты бүтүп үйдө болуп калган, (ал кезде жогорку класс төртүнчү болчу) Атамкул деген жигит менен сүйлөшүп калып ошол күздө ала качып кетти, Батма жалгыз кызына тувар шайыдан көшөгө алып барып жол жосунун жасаган соң Бегимай тез-тез келип кабар алып турду, анын анысы кайненеси Тотуга жакпады:

- Бегимай, төркүнү жакындын төшөгү жакын болуп кайра-кайра эле апаңа бара бергениң болбойт, - деди бир күнү дагы жөнөгөндө.

- Апам жалгыз да апа, мен барбасам ким барат? - деди Бегимай да тартынып койбой кашкая.

- Адам төрөлгөндөн жалгыз келип жалгыз кетет, пешенесинен көрсүн ал дагы, коңшу колоң деген бар, эл журт бар айтат экен капырай.

- Апа, - деди Атамкул үйүнөн чыга калып, - Барса барсын, башка кимиси бар ал кишинин, карыган неме болсо...

- Ии-ий арам десе, кошулуп бара гой анда, катыныңдын сөзүнөн чыкпай катын кул болооруңа аз калган го? - деп Тоту баласын жаман көрө ары карай басып бара жатып, - Биротоло эле күч күйөө болуп кирип ал! - деди ачуусу келип.

- Койчу апа, ушинте бергениңиз жаман, - деп Атамкул үйүнө кирип кетти. Бегимай жолдо келе жатып суукта ыйлап да алды, ал кезде айыл деген алыс-алыс, үйлөрдүн ортолугу бир-эки чакырымдан боло турган. Ээн жерде өзүнчө өпкөлөп ыйлап алып анан үйүнө келди.

- Кызым, суукта келбей эле койбойт белең? - деди Батмак көрүп эле.

- Апа-а, эмнеге мени жалгыз төрөдүң эле, болбосо төрөбөй койбойт белең? - деп апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп буркурап ийди.

- Эмне болду көлөкөм, бирөө жарым кеп айттыбы? - Батма кызын бооруна кысып чачынан сылап ойлуу отуруп кызынан кеп күттү.

- Апа, кайненем үйүңө бара бересиң деп урушту.

- Садагаң кетейин десе, айтса айтат да, аныкы дагы туура, сен жаңы эле бардың, бирөөгө бүлөөсүң, сени сагынсам өзүм барып турам, - деп жубатты Батма кызын, деген менен жүрөгү ооруп чыкты: "аттиң, мен эле ушунумду жалгыз кылайын дедим беле, кудайдын ушунусуна дагы шүгүр деп карманып отурам го, тууган балдарың көзгө көрүнбөй калат экен го, башкалар мени төрөбөгөн аял деши да ырас, өлүмдөн калган жалгыз каргам экенин кайдан билишсин", - деп термеле ойго батты.

- Мен эми барбайм, - деди Бегимай көптөн кийин.

- Ок, эмнеге барбайсың?

- Сени жалгыз калды деп ойлоно берет экенмин.

- Кой каралдым. Мени кудай алат дейсиңби, тууган-урук турат, эл-журт бар, мен эчтеке болбойм. - деди Батма чачынан сылап.

- Кайненем мени жактырбайт.

- Андай боло берет, кайнене илгертен эле келинге какаар кылат, чанда гана кайнене өз кызындай карайт, чыдап койсоң жеңесиң кызым, асты ал сүйлөсө дагы сен сүйлөбө, кайыр айтпа кызым, сени эне тарбиясын көргөн кыз дейт.

- Өзү эле асыла берет, Атамкул болбосо уруп да коюшу мүмкүн, - деп башын өйдө көтөрдү, - Апа, сени жалгыз таштай албайм.

- Сенин үй-бүлөө күтүп очор-бачар ордолуу шаар болгонуңду күтүп жүрбөйүнбү көлөкөм, атаң ошол тилегине жетпей кетти, менден кабатыр болбой күйөөң менен бол балам, - деди эне ойлуу. Бегимай унчукпай калды, экөө отуруп чай ичишти, бир эчкисин союп алган, андан тамак жасап ичип ал күнү эне бала түнү бою сырдашып жатты. Эртеси эми чыкмак болуп жатса Атамкул келип калды:

- Эмне болду? - деди Бегимай дароо эле.

- Ай кызым, кой келгени жакшы болду, кире гой балам, - деп Батма күйөө баласын ичкери киргизди.

- Барып эле келет дегем да, кечинде барбаганыңдан эле келдим.

- Мен ушул бойдон барбайм десем апам болбой жатат, - деп Бегимай жылмая, күйөөсү экөө ынтымактуу, али ысыгы дагы тарай элек эле.

- Эмнеге? - Атамкул келинчегин делдээ карады.

- Барбай койчу беле, менден кабатыр болбогула, эл-журт бар кызым, мен эчтеке болбойм, ойлонбой эле кой, - деди Батма салабаттуу сүйлөп, -Кудагыйдын айтканынын да жөнү бар, кечээ келген келин болсоң, биякты көздөй эле зыр коюп турсаң болбойт.

- Анан эмнеге Атамкулду күч күйөө болуп ал дейт?

- Апам айта берет, ага көңүл бурба, - деди Атамкул уялгандай.

- Мен сени кантип ойлобойм апа, жападан жалгыз бир тамда калсаң, ойлосом уктагым келбей ыйлагым келе берет, - деп Бегимай көз жашын аарчып алды.

- Кой эми жаман кыз десе, менден кабатыр болбо дедим го?

- Тынч кантип жатам сени ойлобой?

- Эсиң бар кызым, эми сенин элиң-жериң башка, ошол эл арасына көнүк, абысын-ажын күт, элге алымдуу бол кызым, кызыл өңдүн нуру бат өчөөр да, кызгалдак гүлүн бат төгөөр, эми эле сен дагы бала-чакалуу болосуң, анан аларга акыл-насаат айткан акылман эне бол, уул-кызга акыл бере албаган, этегин эптеп жыя албаган аялдан болбо, сөзгө маани берип ук, талдап көр, анан бүтүм чыгар кызым, эми баргыла балдарым, - Батма кыз-күйөөсүнө чайын берген соң эт менен сүт куюп берип жөнөттү да телмире артынан карап турду: "Аман болсоң экен каралдым жетини төрөп сени аман койгон жаратканга миң мертебе ыраазымын, как баш туубас аталбай кыз дагы болсо туягымды асырап багып өстүрдүм, бул болбосо кантмек элем кудайым, мени ким ойломок минтип", - деп бырыш баскан көздөрүнүн тегерегинен жаш сай-сай болуп агып жатты...

- Батма жеңе! - деди ары жактан Суксур абысыны кыйкырып калды, - Келип кетчи!

- Ой жайчылыкпы деги?

- Жайчылык эле, үйгө келип кал.

- Азыр барам, - деп Батма эскилиги жетип ачылганда кыйч-куйч этип кагжыраган каалгасын түртүп коюп кайнисиникин көздөй жөнөдү, бир тууган кайниси өйдөдө турат, көп балалуу, алардын деле бирин-экин жандыгы менен бир саан ую бар, эптеп балдары менен кардыларын кампайтканга жарайт. Булар эки бир туугандын балдары болуп эки-үч топко бөлүнөт, жамандык жакшылыктарда тикесинен турушат, ынтымактуу ырайымдуу. Алардын айылында ачарчылыкта тентип келген казактар бар, бир аялын келин кылып алышты, аялы жогуна кызын берип аларга дагы коюнун ачкан пейили кенен адамдар. Батма арыкчырай шайдоот аял, алтымыштарга барып калса дагы тың эле, Кубаттын үйүнө жете келди, көрсө кичүү уулу ооруп калып ошого чакырышкан экен, балдарды эмдей койгон адаты бар эле.

- Жеңе, Акимбай ооруп калыптыр көрчү. - деди Суксур ал кирээри менен эле.

- Эмне болуп ооруп калды?

- Ойноп жүрүп эле келип кусуп жатат.

- Кана, уулум сага эмне болду? - деп адегенде көздөрүн карап, андан кийин ичин басып көрүп эле, - Жүрөгү түшүп калган тура, - деди Батма, - Кайда барып ойнодуң эле?

- Жолдо эле ойноп жатканбыз, анан тиги Бөлөкбай болсо чийдин түбүнөн көрүнчү көрдүм деп качты, мен коркпой эле чийдин түбүнө карап эңкейсем бир адамдын көзү көрүндү, - деп айтып берди Акимбай.

- Коркконго кош көрүнөт болгон тура балам, коркпой эле кой, андай эчтеке жок, - деп Батма баланын жүрөгүн көтөрүп, ырымдап-ысырыктап анан үйүнө кетти.

- Жеңе, Акимбай сенин эле балаң болсун, мындан ары жаныңа алып караан кылып, - деди Суксур кетээринде Батмага.

- Аман эле болсун, менин балам болобу силердикиби аман жүрсүн, - деп Батма үйүнө кете берди: "Өз баламдан кудай айтсын, куру кол эмесмин, бирөөнүн баласынын өктөө-зардасы болот, чоңоюп калган бала келгенде келип, кеткенде кетип жүрсө жүрөөр", - деп ойлонуп бүлбүлдөгөн чырактын жарыгында ийигин ийрип көпкө отуруп анан жатып калды, түндүн кыскасы дагы уйкусу качкан адам үчүн узак болуп таңдын атмагы тозок болот эмеспи. Мындай түндөрдүн далайын өткөрбөдүбү аттиң, тагдыр жазган болсо арга канча, айрыкча Бегимайым кеткенден кийин көзү уйку көрбөй ойлонуп таңды аттырып ийчү, эми бир аз көнүп калбадыбы. Чалы Жуматай көл дайра эле, колунда барын ортого салып инилерин чакырып алчу, суу ичсе дагы аларсыз иччү эмес: "Бала-чакалуу, кыйналып калышпасын, сураганын жок дебе, аз болсо дагы жеткиргенге аракет кыл", - дечү. Эми минтип түн күзөтүп көзүнө тирөөч коюп койгонсуп кирпиги катып калгандай уйкусу качкан түндөрү чалынын ар бир кыял-жоруктарын эстеп ары оодарылып, бери оодарылып түйшөлүп чыгат. Жан деген кандай гана таттуу, эми жалгызынын баласын көрсөм дегенде ак эткенде так этип калчу болду. Тээ бир кезде: "Жараткан жанымды алсаң ал, жалгызымдын кыз болсо дагы өмүрүн узун кыла гөр, оору-сыркоодон алыс кыл, аллам тилегимди кабыл кыла көр, ушу көргөн жашыма ыраазымын", - деген күндөрү болбоду беле? Эртеси Акимбайды Суксур өзү жетелеп алып келиптир, деген менен ошол кездеги адамдар ыймандуу эмес беле, ал абысынын эжесиндей көрүп сыйлап турат, кээде Батма тилдеп койсо үн дебей баш ийип калмайы бар, жыйырма-отуз жылдан бери бир жолу дагы сен-мен дешпеген абысындар.

- Жеңе, жалгыз калдым деп кейиби, Акимбай өзү дагы сени жакшы көрөт эмеспи, кайниң экөөбүз кеңешип чечтик, - деди Суксур келип эле.

- Кудай жалгасын, - Батма кубанганы же капаланганы, сүйбөгөнү белгисиз суз кабыл алды, - Келе гой Акиним, мага бала болосуңбу садага?

- Ооба чоң апа, сага балам болом.

- Айла-анайын десе, келе гой балам, жүрөгүңдү көтөрөйүн, - деп балка менен ырымдап, жүрөгүн көтөрүп жанына отургузду, - Түндө тынч эле уктадыбы?

- Ооба жеңе, тынч уктады, анда-санда чоочуганы болбосо...

- Жакшы болуп кетет, ойногондо чийлүү колотко барбай жүргүлө балам.

- Эмнеге Батма апа? - Жети-сегиз жаштагы Акимбай Батманы алая карап калды.

- Ал колотту илгертен ыйык жер дешет балам, бир жылдарда кайсы бир баатыр ушул колотто урушуп кан суудай аккан экен, мурда адамдар кеч өтүп калса кадимкидей кылычтын үндөрү, адамдардын онтогону угулуп турчу экен, кийин эл отурукташып адам буту көп баскандан тартып ал шоокум жоголуп кээ-кээде гана ээси көрүнө калчу болуптур...

- Мен канча айтат жеңе, аякка ойнобогула деп эле жатам.

- Эчтеке эмес, ойногондо дагы чийлердин түбүнө даарат ушатып коюшса керек, аер ошондой ыйык, ошондуктан ал колотко эл отурукташкан жок, - Батма чайнекке сүт актап кайнаткан чайдан куюп, сары май менен каймак алып келди.

- Жеңем сары май куйган го? - Суксур шыпшына буудай нанга сүйкөп, - Биссимилла деп оозуна салды.

- Кашка уюм сүттүү эмеспи, чаранын үстүн чогултуп сызгырып койгом, кечээ Бегимайга дагы бердим.

- Ал келип жатабы?

- Келбей анан, мени жалгыз калды деп сары санаа боло берет көлөкөм.

- Сары санаа болбой анан, - Шыпшынып койду.

- Алты уулум аман болсо өзүнчө бир айыл болбойт беле, өлүп калса көрүнбөйт экен да атаганат, - Оор дем ала үшкүрүп алды, - Уулдарымдын жер үстүнө кереги жок болуп аалам өз берди да кайра алды....

- Эми Бегимай аман болсун, уучуң кур эмес жеңе.

- Ошого дагы шүгүр кылып дем байлап жашап жүрбөйүнбү, - Эки абысын көпкө сүйлөшүп отуруп анан Суксур үйүнө кетти, Акимбай кала берди.

- Батма чоң апа, жардам берейинби? - деди ал апасы кеткен соң.

- Ээ садага, бүтпөй жаткан кайсы жумуш бар дейсиң, андан көрө каймакка талкан көөлөп берейинби сага?

- Ооба, каймак барбы чоң апа?

- Кечки сүттү бышырып койгонмун.

- Ай-ий да, - Мулуңдаган Акимбай отуруп калды. Батма негедир ичтен кубанып алган, кулак мурун кескендей болуп отурганча каңыр-күңүр болгону жакшы эмей, сыртка чыгып төрт жандыгы менен уюна чөп салса дагы жанында караан болуп жүрөт, оңуп эле калды, анан дагы каймак менен ак ичкенге борсоюп жүзүнө кызыл жүгүрүп калган. Абдан элпек, оозунан чыга электе аткарат, кээде андан кайнисиникине сүт берип ийет, ошондо ал ичке кирбей келе берет, Суксур келгенде айтып күлүп калат. Бегимай көптөн бери келе элек, кыш айы бүтүп март келип ала шалбырт болуп калган, Бегимай Атамкул экөө ээрчишип келип калды, ичи бөрсөйүп кош бойлуу экенин көргөн Батманын кубанычында чек жок. Берээрге эчтекесин таппай далбастап калды.

- Садагаң кетейиндерим десе, аман-эсен жүрөсүңөрбү? - Эне-бала кучакташып көрүшүп анан күйөө баласын чекесинен сүйдү.

- Апа кандай жатасың, кыйналбадыңбы? - Бегимай апасын боору ооруй карады.

- Жакшы эле кызым, Акиним экөөбүз каңыр-күңүр болуп отурабыз, - Батма күлө карады, - Уулум менен учураш, - деп эми эле эшиктен кирген Акимбайды карады.

- Апа, жакшы болгон турбайбы, акемдер өзү жибердиби? - Бегимай аны эки бетинен өөп коюп апасын карады, - Дайыма жаныңда болобу эми?

- Ооба кызым, мен айттым эле го, эл-журт бар деп, - Батма дасторкон четине көчүк басты, - Өзүң жакшы эле жүрөсүңбү кызым?

- Бир аз кыйналып жүрөм апа, аябай кыйналып жатам.

- Өңүң азып кетиптир кызым.

- Апа, таптакыр эчтеке ичпейт, - деп сөзгө аралашты Атамкул.

- Кош бойлуу кезде боло берет кызым, менин көлөкөм десе, аман-эсен эле көз жарып алсаң болду, тууганыңа эмес турганына сүйүн балдарым, - деп Батма үшкүрүп ийди, анын бул үшкүрүгүнүн тереңинде төрөлүп эле кайра учуп кеткен наристелеринин билинбеген күйүтү алигиче көкүрөгүндө күйүп жүргөнү жүргөн эмеспи, - Аман-эсен көз жарсаң боосу бекем болсун.

- Апам ичиң шуштугуй экен, кыз төрөйсүң дейт го? - деп Бегимай күйөөсүнүн көзүнчө кайненем дебей апа деп айтты.

- Ошондой деп коет кызым, ал алланын буйругу. Кызбы-уулбу аман эле болсун, - деп койду Батма. Андан кийин жазга маал кезде мал арык болгондуктан тоок союп кыз-күйөөсүн коноктоду, тыпылдап Акимбайдын жардам берип жүргөнүн көрүп Бегимай абдан кубанып жатты:

- Бегимай эже, сиз бала төрөйсүзбү? - деди кечинде дасторконго отурганда кезде, - Кызбы же эркекпи?

- Билбейм, - Бегимай күйөөсүн карап күлүп калды.

- Сиз эркек эле төрөңүз да, анткени жалгыз кызсыз.

- Ким айтты антип?

- Атамдар айткан, Бегимай жалгыз болуп калды деп, эркек төрөсөңүз сизге үкө болуп калат да ээ?

- Ийи, - Бегимайга кошулуп Атамкул менен Батма дагы күлүп калды.

- Анан чоң апам экөөбүз багып чоңойтобуз.

- Муну беришпейт да, - деди Бегимай ичин көрсөтүп.

- Ким?

- мына бул, - Күйөөсүн сөөмөйү менен көрсөткөн Бегимай күлүп жатты.

- Эмнеге, аны сиз төрөсөңүз бербей коебу?

- Ооба Аким, бул анын баласы болот, сени жеңем төрөгөн да ээ?

- Ооба да.

- Анан акем атаңбы?

- Ооба-да.

- Мунун дагы атасы ушул, анан туугандары кө-өп, - деди Бегимай, баланын сөзүнө күлүп отуруп тамактанып андан кийин дагы чырактын жарыгында көпкө отуруп жатып калышты. Бегимай апасынын жанында Акимбайдын барына кубанып көңүлү тынып кетти, алар жолдо кетип жатканда Атамкул:

- Бегим, биринчибиз уулбу-кызбы апама берип коелу ээ? - деди.

- Атамдар эмне дейт?

- Баланы экөөбүз тапсак алар эмне демек эле, ансыз деле алардын неберелери турбайбы, апама чоңойсо караан болот.

- Кийин көрөбүз да.

- Ошентпесек болбойт, - деп Атамкул чын пейилинен айтты, Тоту алар келгенде сүйүңкүрөбөй.

- Келдиңерби? - деди.

- Ооба келдик апа, - Атамкул жооп берди.

- Кудагый кандай жатат, тынч аманбы?

- Жакшы эле, - деп Бегимай ичкери кирип кетти.

- Мисирейген сетер, тим эле хандын кызындай сетирээт да? - деп өз баласын акырая карады, - Сен катын баштай албадың го?

- Эмне деп эле какшанып жатасың? - деп Калдар ары жактан келди.

- Эк сен эле калдың эле, - деп Тоту силкине ары кетти.

- Энеңдин жинин келтиргендей эмне кылдың балам? - Калдар уулуна суроолуу карады, - Бир оолукса кечке кулактын кужурун алчу эле.

- Ата, Бегимай экөөбүз азыр эле келдик, эмне болгонун билбейм, өзү эле сүйлөп жатат...

- Бул кыял кепинине оролуп өзү менен кошо кетпесе оңолбойт го? - деп үйгө кирип өздөрү отурчу бөлмөгө кирип жамбаштап жата кетти. Бегимай кайненесинин сөзүнө чыдай албай баратат: "Кызым, сен эне тарбиясын көргөн кызсың, кайненеңе кайыр айтпа, унчукпай койсоң эле сен жеңесиң", - деген апасынын сөзүн эстеп үндөбөйт: "Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулуптур", - дегендей эптеп чыдап келе жатат, кайнатасы калыс, андан сөз деле чыкпайт, берген чай-тамагын ичип, алкап эле турат. Өзүн-өзү сооротуп жашап келе жатат Бегимай, Атамкул күндө жандыктары менен эки-үч уюн кайтарып кечинде келет.

- Атамкул, мен аябай тажап кеттим, - деди Бегимай бир күнү өздөрүнчө болгондо күйөөсүнө.

- Эмнеге жаным?

- Апаң мага асыла берет, мен андай сөз угуп көрбөгөнмүн, ата-энем көзүмдү карап өстүргөн эрке кызмын, - Бегимай көзүн жаштап алды, - Мен эмне кылдым ага, сүйлөбөй эле кутулам. Жөн эле асылганы эмнеси?

- Чыда алтыным, көз жарып алсаң небересин көрсө унчукпай калат, - Атамкул келинчегин имере кучактап өөп эркелетип жатты, - Уулдуу болгуң келеби же...

- Ким болсо деле мейли, апам айткандай аман болсо болду.

- Туура айтасың, ким болсо да колубузга алсак болду ээ?

- Ооба.

- Мен сени жакшы көрөм Бегим.

- Мен дагы, чынын айтсам сен үчүн чыдап жатам да.

- Алтыным десе...

- Кыз болсо сага окшош болот, уул болсо мага.

- Жо-ок эркек болсо мага окшогонун каалайм.

- Эмнеге?

- Мага окшош жигит болот.

- Кызымдын мага окшошушун каалайсыңбы?

- Ооба, сага окшош болсун.

- Алтыным менин, эркем го ушул, - деп эркелетип жатып уйкуга киришти, Тоту кээде жумшак, кээде албуут, бир кыялы кармаса кирип чыгып сүйлөй берет, келиниби же күйөөсүбү баласыбы асыла бермей адаты бар. Бегимай ал сүйлөгөн сайын мисирейип туруп алат, аны көргөн сайын жини келе берет.

- Деги пешенем куураган күнү жаралган экенмин, келинден жолум болбоду, бай-болуштун кызынан бетер мисирейет, өлүгүңдү гана көрөйүн десе, мага тим эле Манас төрөп берсе да, - деп бүгүн дагы азандан туруп эле какшанып кирди.

- Кемпир, келинге асылганды кой, ал дагы бирөөнүн баласы да, сенин кызың дагы бирөөнүн бүлөөсү болуп отурат го? - деди Калдар кемпирин тыйган болду, - Келиндериң турат.

- Кожонун кызы болсо дагы көргүм жок, өзүм жактырган кызды албай жанагы балаңдын кылганы, - деп ого бетер жинденип жатты, Атамкул менен Бегимай угуп турса да унчуккан жок, Бегимай ыйлап отурат, ал кездеги балдар ата-энесине каяша айтып же сөзүн бөлгөн эмес, кайрымсыз уул чанда болгон эле...

- Атамкул, мен кетем, - деди көз жашын агызган Бегимай.

- Капа болбочу жаным, апама капа болбо.

- Ушунусу жакшыбы анан, келгенимден асылып келе жатат, сен ошол жактырган кызын алып бер, мен кетем, - Бегимай апасы берген кийимин чогултуп алар кийгизгендерин бөлүп жатты.

- Бегим, сен мени таштан кетесиңби?

- Айла жок, апаң минте берсе мен тура албайм.

- Жакында балалуу болобуз жаным, мени укчу, - Атамкул жолун тозсо дагы болбой көтөрүнүп чыкты.

- Ай келин, каякка барасың ыя, дагы энеңе жөнөдүңбү? - Тоту келинин көрүп эле кыйкырды, - Теги жаман жерден бүлөө алба да, эки күндүн биринде эле энесине жөнөйт.

- Тегиме асылбаңыз, мен бүтүп тегим калдыбы? - деди Бегимай тилин тартпай, - Чынында менин тегим манап болгон силерге караганда! - деди да басып кетти, Атамкул үндөй албай кала берди.

- Ики өлүгүңдү көрөйүндүн айтканын кара, селпейип кетсең кете бер, мен уулума кыз алып берем! - деп Тоту кыйкырып калды, Бегимай үйүнө көздөрү тоодой болуп шишип келди, Батма менен Акимбай үйдө отурган, кызын көргөн эненин жүрөгү канжарды байкабай бирөө малып алгандай зырп эте сайгылашып кетти:

- Бегим, эмне болду садага?

- Апа-а! - деп апасын кучактап калды Бегимай.

- Ыйлаба каралдым, ичи-деги балага зыян болот, - Батма кызын сооротмок болуп аны жубата сүйлөдү, - Турмуштун ушундай кыйынчылыгы болот, ар ким өз тагдырын көрүп жашап өтөт көлөкөм, чөгө бербе, мага ден-соолугу чың небере таап беришиң керек кызым.

- Апа, кайненем мени теги жаман дейт.

- Ботом тегибиздин ага катышы кайсы...

- Өзү эле ошентет.

- Тек жагын сүрүштүрө келсек Тотунун атасы менин атамдын колунда жүргөн эшик ачаары болчу кызым, менин атам, сенин таятаң казы болгон, чоң атаң манап болгон, бай-манаптарды кулакка тартканда малын талап алган, өзү кулак болгон, анын сөзүнө терикпей эле гой, - деди Батма акырын ордуна отургузуп.

- Ошол үчүн эчтеке дей албай калган турбайбы, - деп Бегимай апасын карай күлүмсүрөй.

- Эмне, бирдеме дедиңби кызым?

- Менин тегим манап болгон, - деп айтсам башканы сүйлөп кала берди.

- Кой кызым, антип айтканың туура болбоптур, улууга сөз кайрыган болбойт айланайын кызым, - деп кейип жатканда Калдар аялын, Атамкулду дагы бир-эки аксакалды ээрчитип кирип келишти, анткени келини үйдөн чыкканда Калдар жок болчу, кемпирине капа болуп басып кеткен болчу, ошондуктан келининин кеткенин угуп эле келген болчу.

- Келгиле кудалар, - Батма аларды жакшы тозуп алды, Бегимай үйдөн чыгып кетти.

- Келдик кудагый, кандай жакшы жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, төргө өткүлө кудалар, - деп Батма Акимбайды кайнисине жүгүрттү да дасторкон жайып чай койду, аңгыча Суксур менен Кубат келип калды, алар менен кошо алардын аксакалы сексенден ашкан Кубаттардын атасы менен бир тууган Аскараалы да келди, учурашып орун алган соң Калдар сөз баштады:

- Кудагый, кудалар бизден кеткенди кечиргиле, келинимди алып кетели...

- Куда, - деди Батма салабаттуу жай гана, - Мен Бегимдин эмнеге келгенин билбедим, мына акем менен бала деле билбейт, силердин бүлөңөр Бегимай, ичинде бала турат, келгениңер жакшы болду, - деп кайнисине кайрылды, - Акеси , короодогу койду сойгула, чакырып келтире албаган сыйлуу коноктор келип калыптыр, - дегенде Аскараалы

- - Туура балам, мындайлар боло берет, уруш-талашы жок жашоо болмок беле, ажырашканды жараштырган сооп, - деди эле Калдар аялын карады, ал жер карады, келген аксакалдар Батманын билгичтигине, акылдуу калыстыгына ыраазы болуп турушту, Калдардын уялгандан төрт шыйрагы калды, үн катпай отуруп: "Жакшынын сапаты акылында, жамандык сыны тилинде деген ырас тура, Бегимай айтпады дейсиңби, акылы жок аялдын айынан далай сындым, жакшы аял бир өлтүрөт, жаман аял миң өлтүрөт дегендей уят кылды", - деп тунжурап отурду. Батма кудаларын коноктоп сыйлап отуруп:

- Илгери манаптардын сөзүн укканым бар, тил адамдын эң биринчи жоосу, ойлонбой сүйлөп өзүңө душман арттырып алсаң түзөш кыйын, кекиртек менен тилди тыйган адам турмушунан жаңылбайт деп, мен Бегимайды айтып отурам, кызым кызыл тилдин сөөгү жок, кайда бурсаң кете берет, асты улууга сөз кайтарба деп, жаштык кылган болсо кечиргиле, - дегенде Калдар:

- Кудагый, силер эмес биз кечирим сурообуз керек, кайненелик кылып келинге сүйлөп койгон экен, кечиргиле кудагый-кудалар, - деди баш көтөрө.

- Эки жак бири-бирин түшүнсө жоолашпастан достошот, кызыл-кыргын токтойт, түшүнүшө албаган ата-баланын ортосуна жарака кетет, кудагый дагы жаш немени түшүнүп, көтөрмөлөп койсо болмок экен, - деди Аскараалы.

- Бегим эрке өскөн, агамдын артында калган жалгыз туягы, барганына жыл айланбай асылганыңар туура эмес кудагый, - деди Суксур, - Ушул кызына бирөөнүн сөзүн эмес табигаттын эрке желин тийгизгиси келчү эмес эле байкуш акем, келиндин келген жылкысы, кемпирдин өлгөн жылкысы эстен кетпейт деген бар, бизден силерге бүлөө болуп барды эле, эми балалуу болгону турушат, балдарга тоскоолду кылганыңар болбойт.

- Кудагый, куда болгуча кулу бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш дейт эмеспи, - деди Батма "кул" дегенди баса айтып, - Эмки заманда текти сурагандар бар, бирок өз тегине карап анан айтат кудагый.

- Кудагый кечириңиз бизди, - деди Калдар, айып бизден кетти, - деп Калдар уялып турду, - Ит болдук кудагый, Тоту үн ката албады, анын атасы чынында эле Батманын эшик ачаар, атын токуп аткаруучусу эле: "Өз тегимди эсиме албай тилимден жазган экенмин, мени кудай урду", - деп өзүнчө ойлонуп туруп кете албай же турган жеринде өлө албай зорго отурду.

- Мен Бегимайды чыгарып ала турган оюм жок, бүлөө силердики, илгери кыздарды күйөөгө бергенде эти меники, сөөгү сеники дешкен тура, анын сыңары силердин бүлөөңөрдү муштабай куштап алсаңар болду, - Батма ушинткенде Акматаалы менен Кубат, Суксур, Калдардын туугандары Батмага ыраазы болуп ар кимиси өз ойлорун айтып эки жашка бата беришти, ал күнү Атамкул менен Бегимай калып калганы кетишти. Кыз-күйөө сыртта сүйлөшүп турганда Кубат:

- Ээ жеңе табышмактатпай айтчы, Бегим менен күйөө бала урушпаптырбы? - деди.

- Кайдан, Тоту кудагый Бегимди теги жок деп урушуптур, - деди Батма, - Өзүнүн тегин унутуп калса керек, ата-бабасы менин аталарыма кызмат кылып келишкени эсинен чыккан экен.

- Ой ата-аңдын ооз-зугурайын десе, билбейт бекен өзүн?

- Адам ашка тойгондо эртеңкисин эстебей калат да бала...

- Карасаң муну, Бегимге сөзү тийгенин билбей калбадымбы, болбосо экинчи келбес кылмакмын, - Кубат жинденип калды.

- Мен алардын келээрин билбей калдым, Бегим келгенден чай кайнам убакыт өтпөй кирип келишти, - деп Батма күлдү, ошентип Бегимай кетпейм дегенине карабай Батма козу союп берип, май сүзмөсүн көтөртүп жөнөттү үч-төрт күндөн кийин. Калдар өз үйүнө баргандан кийин Тотуну камчы менен жонго эки-үч чаап жиберди.

- Катын карыбайбы, каны коюлбайбы дейт, сен карыган сайын акмак болуп бара жатасың, астыбызга ашын коюп пахта менен мууздаганын билдиңби, өмүр бою сени менен жашап жакшылардан алыстадым, жакшы катын жайылган көрпө деген, өзүңдү билбей өзгөгө асыласың, тилиңдин азабын мен тартам, мени эл алдында канча жолу өлтүрдүң мындан көрө жигитимде бир өлсөм эмне? - деп ачууланып жатты.

- Жашымда жакшы элем, эми жаман болуп калдымбы?

- Жашыңда жаш деп токтолот дечүмүн, сен токтолбой эле күчөп бара жатасың, акылыңа келип балдарга кадырыңды кетирбесең болот эле, уул-келиндериңе сыйыңдын жогу ошол! - деп бакырды Калдар.

- Анда төркүнүмө жеткир.

- Кетсең кет өзүң эле.

- Жакшы катын деп... андай болсо Батманы алып ал!

- Эй акмак! - Калдар күйүп кетти, - Ушуну сендей акылга толгон, картайып калжаңдаган аял айта турган кеппи?

- Анан эмне эле сен жамансың деп ызырынасың?

- Сага айткан сөздүн убалы бар, - деди да Калдар үйдөн чыгып кетти.

- Ооба, эми мени чанып жыргаарсың, - деген Тоту отурган жеринде калды. Калдар ачууланып сыртта басып жүрдү, улуу баласы Асыранкул келип калды.

- Апам үйдөбү ата?

- Ооба, үйдө болбогондо...

- Урушкансыңарбы?

- Жо-ок, - Калдар ары басты.

- Атамкул жокпу?

- Кайын журтунда.

- Келеби бүгүн?

- Ким билсин, - деп отургучка отуруп калды, Асыранкул бир нерсе болгонун билди, ал дагы апасына келген, келининин үйүнө барып урушуп келиптир, анын эң улуусу бойго жетип үйлөнгөнү жаткан эле. Тоту барып алып: "Сен балама тең эмес элең, айтканга көнбөй Асыранкул сени алган, кааласаң азыр кете бер, ата-энеңе батканыңды көрөйүн, жанагы селпийге энең барганда жыргаарсың", - дептир, аялы үйүн үч көтөрө урушуп: "Карыганча асылып келе жатат, мен ага эмне кылдым эле, ата-энеме асылганын койсун", - деп күйөөсү үйүнөн кууп чыккан эле, атасынын түрүн көрүп ичкери кирбей эле кайра кетмек болуп артына кайрылды, беш баласы бар, бир уул бир кызы бой жетип калган, кызына дагы жуучулар келип жаткан, өздөрүнчө жашашат. Аялы Шайырды бир кезде Тоту жулмалап, сабап дагы жүргөн, эми анын дагы чыдамы кетип ачууланып кайненеси менен тил тартпай урушуп кетчү болгон. Асыранкулдун кайра кеткени жатканын көргөн Калдар:

- Үйгө кирбейсиңби балам, - деди.

- Жок, кете берейин.

- Жөн эле келдиң беле?

- Ооба, - деп кыңырыла жолуна түштү, Асыранкулдан кийин Асанкул да үч балалуу, Акматкулу эң кенжеси. Окуйм деп кеткен, шаарда жашайт, төрт уул бир кызы бар, баары түшүнүктүү, кызы Сейненин беш баласы бар, барган жери абдан жакшы жер, келинин өз кызындай көрөт, Тоту аны менин жакшылыгымдан деп ойлоп көтөрүлүп калат.

Бегимайдын кайын журтуна такыр баргысы жок эле, ага болбой Батма аны күйөөсүнө кошуп берди, ал келгенде Тоту жүн тытып отурган, келинин көрүп ары карап кетти, Атамкул апасынын мунусун жактырбаса дагы учурашты:

- Кандай апа?

- Өлгөн жокмун.

- Апам аа-ай, неге ушундайсыз? - деди да Бегимайдын артынан кирди, - Капа болбо жаным, чарчадың го жолдо, эс алып ал, мен малга көз салайын.

- Бара бер, - деп кийимдерин коюп төшөк салып жатып алды, айы күнүнө жетип калган эле, ичи кичинекей, бирок отуруп тургандан кыйналып жүргөн. Уктап кеткен экен:

- Келинге жарыбадым, качанкыга чейин казанды өзүм кармайм? - деген кайненесинин үнүн угуп эптеп ордунан турду.

- Тим кой, жолдо чарчады го кош бойлуу неме, - деди Калдар.

- Ооба, жакшы катындын кызы да жата берсин.

- Деги адамча жашайсыңбы, карыганда тынч өлсөң боло! - дегенин угуп уяла сыртка чыгып кайненесинин колунан ишин алып жатып бели ооруксунганынан: "Кыйналгандыкы го, тынч жатсам жакшы болбойт беле, керээлден кечке какшанган балекетке жолуктум, ушундан кутулаар күн бар бекен", - деп эптеп кыймылдап жатканда алдынан суу кетип ичи бурап ооруп кетип отура калды.

- Апа-а, ичим ооруп жатат!

- Кемпир Бегимайды кара, толготуп калды окшойт, - деди келиндин үнүн уккан Калдар.

- Ой жөн эле экиленип жатканы, - деп Тоту тоготпой отуруп алды, Бегимай чаңырып отуруп калганда Атамкул келип калды, ал жөлөй ордунан тургузуп үйдү көздөй колтуктап келе жатып:

- Апа! - деди үнүн катуу чыгарып, ошондо гана Тоту чыга калды, Бегимай үйгө кирип жатып алып ыйлап жатканда чакырган эки-үч аял келип арыдан бери төрөтүп алышты, кыз экен, ырас эле ойлогондорундай кызы атасына окшошуп төрөлдү, анын атын Гүлмайрам коюшту, Тоту бир аз неберелүү болгонго баягыдай болбой калды. Турмуштун кызыгы турмуш босогосун жаңы аттаганда жандай көргөн сүйгөнүң менен баш кошкондо, анан балалуу болгондо, ата-эненин мээримине бөлөнүп турганда бүт дүйнөң түгөл болуп бакыттын туу чокусунда жүргөндөй жашоо ошончолук кызык болуп көрүнөт. Бегимай дал ошол эне болгон учурунда өзүнөн башка бактылуу жоктой сезилип жүрдү, Атамкул экөө кызын колдорунан түшүрбөй талашышат.

Күндүзү Тоту каралашып андан тартынып Атамкул ала албайт, өздөрүнчө бөлмөгө киргенден кийин бири-биринен талашып:

- Мага берчи кызымды, - деп Атамкул талашса:

- Кое турчу, карасаң нак эле сага окшошуп калыптыр, - деп Бегимай бербей экөө чукулдашып барып токтошот, анан кайра табышып ортого алып кумарлары таркабай эки жагынан өөп мурдунан чымчый эркелетип калышат.

- Атамкул, Гүлүңдү карасаң, көзүн ачты.

- Көздөрү бакырайып сага эле окшош экен, - дейт Атамкул.

- Ооба сага, сага эле окшош, мурдун көрбөйсүңбү.

- Мейли, чоңое берсин, биздин сулуу кызыбыз аман-эсен өссө болду.

- Күчүгү го, кичинекей көпөлөгү го?

- Өзүң эмдигиче апама көпөлөксүң, эми уялаарсың Бегим? - деди Атамкул келинчегин чычалата.

- Болдучу.

- Жалган, мен кызымды сендей эрке кылбайм, болбосо сендей болуп ыйлаак болуп калат, - дегенде Бегимай күйөөсүн чапкылап калды.

- Болдучу, баланы чоочутасың.

- Кел эми сени өзүм эркелетейин, - деп кызын ары жаткырып жанына жатып төшөк ичине сүңгүштү. Ошентип жашоо кызык болуп баштаганда Тоту кайрадан кыялын кармата баштады.

- Минтип отура бергениң кантип болсун, мен деле жети-сегизди төрөгөнмүн, эртеси эле казан-аяк кармап кетчүмүн, тур эми ботом иш кыл, - деди бир күнү.

- Иш кылып эле жатпайынбы апа.

- Болду, безилдебей кир жуу!

- Баланы эмгизип коеюн.

- Мен сүт берип коем.

- Макул, - деп казанга суу жылытып кир жууду, Тоту өчөшкөндөй оор кийимдерди чогултуп коюптур, кечинде суй жыгыла чарчап калганынан бала эмгизип кыңкайып калганда:

- Капырай, үйгө кирсе эле жоголот, кечки тамагыңды жаса ой келин! - деди сырттан кыйкырып, ал кийинки кездери күйөөсү жокто сүйлөп, ал барда жумшак боло калчу. Ары жактан келе жаткан Калдар:

- Дагы эмнеге кыйкырып жатасың? - деди кемпирине ормое.

- Кеч болду ботом, тамак жаса дедим.

- Өзүнө койсоң боло, билет да ал деле.

- Керээлден кечке баланы шылтоо кылып жатат, кыймылдайын деген түрү жок, - деди мурдун чүйрүп.

Ошентип Бегимай кызы эки жашка чыкканча чыдады, анан акыры анын чыдамы кетип апасына ыйлап отуруп айтты да кетмек болду, бирок Атамкулдун дагы көз карашы бузулуп башка бирөө менен жүрүп алды, кетем дегенде Бегимайга ороңдоп:

- Кетсең кет да, келгениңден бери карай жалдырап жүрүп жададым, - деди орой.

- Сен болбосоң эбак кетмекмин, - деди Бегимай.

- Анда мен дебе, бара бер, бирок Гүлүн калат.

- Мен кызымды таштай албайм.

- Эмнеге, кыз меники, сага бербейм, - деп экөө тартышып жатканда Тоту кирип келди.

- Эмне эле болуп жатасыңар?

- Бегимай кызды алып кетем дейт.

- Эмнеге, Гүлүмдү кайда алып барат экен, кетсең баланы таштап кете бер! - деп Тоту Бегимай алып турган баланы колунан жулуп алды, ошол кезде Калдар ооруп төшөктө жаткан, жини келген Бегимай кийимин ала үйдөн чыгып кетип калды, анын келгенине Батма капаланып тим болду. Бирок ошондон көп өтпөй алар район деп аталган чакан шаарга көчүп кетишти, жаңыдан гана район болуп аталган убак. Батма аерге келгенден кийин бозо сатып оокат кыла баштады, пенсияга тогуз сом эле. Бегимай апасына жардам берип жүргөндө аны бир жигит жактырып калып бура бастырбай үйүнө келе берчү болду.

- Менин кызым бар, убара болбо, - деди Бегимай ага түңүлтмөк болуп.

- Мен сени сүйөм Бегимай, кызың болсо деле мейли.

- Жок болбойт, мен күйөөгө чыкпайм.

- Эмнеге, сен ушул бойдон калмак белең?

- Ооба, ушул бойдон өтөм.

- Бегимай мен жетим баламын, эч кимим жок, кааласаң үстүңө кирип келейин, сен каалагандай болом, - деп Мустафа акидей асылып туруп алды.

- Болуптур, мен ойлонуп көрөйүн, - деди Бегимай, ага дагы Мустафа жагып калган болчу, Мустафанын Жапар деген бир тууганы эки балалуу болчу ошондо, ал барып агасына сүйлөшүп келди дагы кайра жолукту, бул кезде Бегимай апасына кеңешип кандай болоорун салмактап, таразалап көрүп чечип болгондой көрүнгөнү менен жакшы бир пикирге келе албай жатышкан эле:

- Апа, Мустафа жакшы эле жигит, баарынан апасы жок экен, - деди Бегимай чын дилинен.

- Ок, ал эмнең ботом, энеси жок экен деп кубанганыңбы?

- Апасы болсо дагы асыла бермек да апа, анын үстүнө үстүңө күч күйөө болуп кирип келем дейт.

- Кызым, сенин тагдырың эмне болуп жатат, күч күйөө болуп келгени эмнеси, эл эмне дейт?

- Апа, кайра жакшы эмеспи, сенин кашыңда болом, жалгыз калды деп сары санаа болбойм, - деп Бегимай апасынын мойнуна асыла эркелеп калды, эне бала саамга кучакташып отурушкандан кийин Батма үшкүрүнүп алды да:

- Кызым, жашоо тагдыр өзүңдүкү, кандай чечим кылсаң дагы өзүң чеч, - деди, бирок чынында эле кирип келген күйөө бала оңдой берди болгону турган эле, кара чечекей жалгызы маңдайында болгону жакшы эмей, ооруу-сыркоо болуп калса дагы жанында болоорун ойлогон эне буга муюп турду.

- Апам алтыным менин, ушинтээриңди билгенмин, - деп Бегимай апасын чопулдата өөп алды, - Демек макулдугумду бере берсем болот го?

- Болот кызым, багың ачылсын.

- Рахмат апа, - деп Бегимай өзүнчө бактылуу болуп турду, мынчалык бактылуу болуп турмушка чыккандан бери жүзү жаркыбаган кызын көрүп туруп эненин дагы жүрөгү кубанычка толуп дүйнөсү түгөл болуп: "Мейли, кызым өз бактысын тапса болду, ургаачынын чырагы кырк дейт эмеспи, багы ачылсын каралдымдын, көз жашын көрбөсөм болду", - деп өзүнчө ойлонуп жатты. Бул бир миң тогуз жүз алтымыш биринчи жылдын күз айы болчу, Мустафа келип Бегимайды алып кетти. Батма Акимбай менен калып калды, аны мектепке киргизип койгон, Кубаттар келип кабар алып турат. Бегимай экинчи келин болуп барган жеринде абысындын колуна барды, бирок ал унчукпайт, бир айдай туруп эле кайра Батманын үйүнө келишти, эне буга абдан кубанды, бирок Мустафа аябай кызганчаак болду, басса-турса кызганып тескеп турат. Бир күнү Бегимай дүкөнгө барып келсе:

- Мынча эмне кеч келдиң? - деди кабак түйө.

- Дүкөндө кезек көп экен.

- Калп айтпачы, - деди да сыртка чыгып кетти. Батмадан айбыгып андан ары өтө албаган эле, жыл айланбай уулду болушту, ошол убакта Атамкул бир күнү эле жылт этип кирип келди, Мустафа жок эле.

- Апа, Гүлүм ооруп калды, апам дагы бага албай ооруп жатат, атам болсо өлүп калган, - деди башын жерге сала.

- - Кел, келе гой, - Батма эки жарым жаштагы Гүлмайрамды колун созо өзүнө чакырды эле тамтаңдай жетип келди.

- Апа, апа уйду, апа мени уйат, - деп чулдурап дароо эле арызданып турду, Бегимай үндөгөн жок, төрдө ыңаалаган наристени көз кыйыгы менен караган Атамкул:

- Бегимай турмушка чыктыңбы? - деди.

- Ооба айланайын, экөөңөргө эчтеке эмес, мына бул кызга эле кыйын болду го? - деп Гүлмайрамды карап Бегимайдын ордуна жооп берди.

- Тагдырыбыз ушундай болду, мен кетейин, Гүлүмдү сизге аманат калтырдым, - деди да Атамкул туруп коштошуп чыгып кетти.

- Келчи, келе гой мага, - деп Атамкул чыгып кеткенден кийин Бегимай Гүлмайрамды колуна алып өпкүлөп жатты, аттиң эненин балага деген сүйүүсү, мээримин эч нерсеге теңегенге болбойт эмеспи, купуя сагынып жүргөн туну колуна тийгенге ишене албай өңү эле же түшү экенин билбей турган эле, - Чоңоюп калыптыр ээ апа?

- Чоңойбой анан, көрүнгөн тоонун ыраагы жок деген ушул да.

- Апа, кимге окшошуп калган?

- Атасына окшош экен кызым.

- Ата, ата кетип калды, - деди ошондо Гүлмайрам.

- Кетти кызым, апа дечи, кана апа деп койчу.

- Ыкы, сен эмес апа.

- Ким апаң?

- Апа Тоту, апа Тоту чаман, - деп бала болсо дагы Гүлмайрам жүрөгүндөгү нерсени айтып жатты, Тотунун атын уккан Бегимай кабагы бүркөлө түштү:

- Тырмактай немени урчу окшойт апа.

- Ким билсин, батыра албагандан алып келген да байкуш, - Экөө ошентип сүйлөшүп отурганда Мустафа кирди.

- Оо үйдө конок бар го?

- Ооба, Гүлүм келип калды.

- Биерди кайдан тапты? - деп Мустафа кеткен күйөөсүнөн кызгангандай дароо кабак бүркөй карады, - Сен жолугуп жүргөн жоксуңбу?

- Айыл бул эле жерде да балам, - деди Батма, - Элден сураштырып таап келиптир, кызды батыра албаган го?

- Мейли-мейли апа, балада эмне күнөө, - деп Мустафа унчукпа алдына койгон тамакты ичип кирди, бирок анын жан дүйнөсү Бегимайды башкадан, же күйөөсүнөн да эмес ушул бармактай кыздан кызганып турду, негизгиси ичинен өгөйлүгү билинип чулдурап таенесине ар кайсыны сүйлөп отурган наристеге жек көрө карады. Бул наристенин бей күнөө жаралып калганы үчүн ким күнөөлүү, жаңыдан гана тили чыгып, ак менен караны тааный элек кыздын өгөй турмушу кимди кызыктырат да кимдин боорун оорутат. Бирок бул табышмактуу көкмөк болуп мелтиреген асман, көмкөрүлгөн казан сымал ичине эмнелерди гана катып жаткан жок. Бул бир наристе кыздын тагдыры Батманын гана жүрөгүн түпөйүл санаага сала баштады, анткени Мустафанын көз карашын байкаган соң анын Гүлмайрамды сүйбөсүн сезди да арадан бир ай өткөндө Бегимайга:- Кызым, мен Аким менен Гүлүмдү алайын да өзүбүзчө үйгө кетип оокат кылалы, - деди.

- Эмнеге апа, сени ойлонуп сары санаа болбоюнбу?

- Болбойсуң, уулуң менен күйөөң турат, өзүңөрчө жашагыла.

- Жо-ок апа, мен макул эмесмин, Гүлүм азыр жаш, Аким го жардам берет, баары бир кыйналасың.

- Кыйналбайм Бегим, мен балдарды алып кетейин, - дегенине Бегимай болбоду, Мустафа дагы укканда каршы болду. Ошентип Батма унчукпай отуруп калды. Бегимай уулунан кийин дагы кыз төрөдү, бирок Мустафа эми Бегимайды апасынын көзүнчө эле уруп-сабачу болуп калды, чыркырап ортого түшүп жүрүп чарчады, Гүлмайрам такылдаган кыз болду. Тили буудай кууруйт, бара-бара Батманын бозосу жакшы болуп үйүнө келип иче тургандар көбөйдү, үйү дагы контордун маңдайында болчу, айрыкча бухгалтерлер, почточу менен кино койгондор келип ичип кетишет. Мустафа өзү башка жакта иштейт, үйгө келгенде бозочуларга Бегимайдын бозо куюп отурганын көрүп эле жини келип алар кеткенден кийин урушуп кирет:

- Бозо ичкени келиштиби же сени менен сүйлөшүш үчүнбү?

- Мустафа, бул эмне дегениң, эптеп акча таап жашап жатабыз го?

- Жашабай эле кой, бозочулар менен соо эмессиң!

- Күйгүзбөчү, мени эле ким карап туруптур?

- Көрбөдүмбү, сени кантип караганын.

- Балам, - деди баятан бери унчукпай отурган Батма, - Минтсең бозо сатпай эле коеюн.

- Жок-жок апа, сата бер бозону, Бегим аларга эмнеге куюп берет, өздөрүнө эле куюп берип койбойбу?

- Куюп берип кой десе эмне кылайын?

- Атайын сени куюп берсин деп жатат да.

- Антпей эле, уяттуу адамдар болсо куюп берем да.

- Ооба, эптеп сага жакындай албай жатат да, - деп эле бир заматта ызы-чуу болуп уруша кетишти, Бегимайды бир койду эле көзү көгөрүп чыга калды, Батманын жүрөгү сыздап эмне кылаарын билбей отурду.

- Балам, минтип отурсаңар жашооңор болбойт, - деди Батма, - Мындан көрө жөн эле ажырашып алганыңар жакшы го?

- Ажырашса ажырашам апа, кызыңызга тетиги бозочулардын бирин киргизип бериңиз! - деди да Мустафа чыгып кетти. Бегимай үч баласын караган бойдон боздоп ыйлап жатты: "Үч балам менен кала беремби, эмнеге менин тагдырым ушундай болду, Атамкул жакшы болсо апасы асылып туруп алды, эми апасы жок тынч жашайм десем кызганчаак болду, дагы эмне кылам", - деп оюна эч нерсе келбей ыйлап жаткан кызын эне сооротмок болду, анткени бутагын бирөө кайрып койгон дарак сымал алтымыш тамыры сыздап турган эле:

- Бегим, көп эле ыйлай бербе кызым, Мустафа өзүнүн катасын өзү түшүнсө кайра эле келет, балдарың турат.

- Апаке, эмнеге менин пешенем ушундай?

- Кой балам кейибе, күндүн бир күнү караңгы болсо ай тийет, күндүзү к5үн жаркырап тийет, тирүүлүктүн ушунусу жакшы, эми эле бактылуу жылмайган күн келет.

- Билбейм апа, эки эрден тууп алып сени жаманатты кылам го, сага жакшы күн деле көргөзө албадым, менден кыз болсом дагы бир жакшылыкты күттүң эле го? - деп буркурап ийди.

- Болду эми, сен азыр үч баланын энесисиң, Гүлүм чоңоюп калды, эсиңди жый кызым, Мустафа менен эле баары бүтүп калбайт, ургаачынын чырагы кырк деп коет, ушуну менен эле токтоп калбайт жашоо, аман болсоң дагы маңдайыңа жазылган табышмактын сырлары ачылат, али сенин өмүрүңдүн барактарынын бир гана бети ачылды кызым, - деп эне кызын чыйралсын дегендей айтты. Ошентип Мустафадан дайын болбой калды, ызаланып кайра чыйралып балдарынын түйшүгү менен тиричилигине аралашып жүргөндө райондук милициянын начальниги ага сөз салып калды. Анын сөз айттырганы адегенде Бегимайга өөн учурады. Жини келип анын жазган катын тытып койду, бирок турмуштун кызыгы дагы ошондо эмеспи, жыйырма бештеги жапжаш келиндин жаштыгы өзүнө ээ бербей толуп-ташып турган убак болгондуктан ага жолугуп калды.

- Бегим, - деди Аман ал келгенде эле, - Мен сени абдан жакшы көрүп калдым, жолугушуп туралы.

- Эл эмне дейт, уят го, балдарымдан дагы чыга албайм.

- Эч ким билбейт, сен бул конторду жууп иштейсиң, - деп Аман имере кучактап өөп алды, - Чынын айтсам сени көргөндөн бери уйкум жок.

- Кантип эле, аялыңыз бар да.

- Аны карагым келбейт, ортобузда балдар бар, атам эле бел куда болуп мен төрөлө электе эле тагдырымды чечип коюптур.

- Сулуубу аялың? - деди Бегимай наздуу карап, бул жигит өзүнөн он жаштай улуу болсо дагы жакшы көрүп калган эле, бирок анын аялынын өңү серт, көзү чалыр болчу, аялың сулуубу деген сөз ага катуу тийди:

- Сенчелик эмес.

- Кантип?

- Чын айтам, сендей сулуу эмес, көздөрүңө арбалып бара жатам Бегим.

- Кооз сүйлөйт экенсиң, аялыңды сүйбөсөң ал сени сүйсө керек.

- Анын сүйүүсүнүн кереги жок.

- Эмне үчүн?

- Сен турганда аны карагым да келбейт.

- Канча балаң бар?

- Үч балам бар.

- Жакшы экен.

- Эмнеси жакшы, сүйбөгөн адамдан жүз бала болсо дагы ал сага жакпайт.

- Ошончолук жактырбагандай эмне түрү суукпу?

- Андай деле эмес... - Аман башкага бурду сөздү, - Сен турганда аны кп кылгым келбейт Бегим,, мен сенин мени сүйгөнүңдү, мен жакшы көргөндөй жакшы көрсөң жетет, мен жашоодо сүйүп, сүйдүрүп жашагым келет, - деди да Аман ага кысым көрсөтүп чектен чыккан мамиле жасагысы келбей акырын сый көрсөтүп узатып койду. Мустафадан такыр дайын болбоду, анын биротоло кеткенине жүрөгү ишенип ишенбей жумушка орношуп иштеп калды Бегимай. Батма үйдөн бозо сатат. Күнүнө бозонун литрин жыйырма тыйындан берип эки-үч сом табат, Бегимайдын айлыгы отуз сом.

Ошентип эки-үч ай өткөндө кеч күүгүмдө Мустафа Жапар агасы менен жеңеси Анашты ээрчитип кирип келди. Ар кандай сөздөр айтылды, Мустафаны агасы тилдеди, акыл-насаатын айтып эки баласынын тагдырын ойло дешип экөөнү элдештирип кайра кетишти. Бирок төрөлгөндөгү кыял-жорук кайдан калмак эле, Бегимайдын уборщика болуп болгондо дагы контордо иштеп алганы ичиндеги терс ойлорду ачыкка чыгарууга аргасыз болду.

- Бегим, иштебей эле койбойт белең?

- Дагы баштадыңбы?

- Ушунуң кантип болсун, - Ачуусу келгенин билгизбей таарыныч кыла сүйлөдү, - Иштегенде эмне, үйдө эле отурбайт белең?

- Балдарды кантип бакмак элем?

- Апам деле акча таап жатат го?

- Ошол жетмек беле, ойлосоң үч бала менен бешөөбүзгө жетмек беле?

- Контордо иштегендер менен таанышкандырсың? - Сынай карады.

- Кайдагы, апамдын иниси селсовет эмеспи, ошонун айтканы менен иштедим, - деп айтканы менен ичинен жүрөксүй баштады.

- Эми иштебей эле кой, мен өзүм табам.

- Кантип, ушул ишти дагы араң таптым, отуз сомду ким берет?

- Мен деле табам го, сен балдарды кара.

- Сен антип мени кыстаба, кечээ эле агаңдын көзүнчө убада бербедиң беле, мен иштейм кааласаң жанымда жүр, балдарды апам багат.

- Өзүң бил, - деп унчукпай калды, бирок күндө кайталанган сөздөрү ошол, Бегимай айтканынан кайра тартпайт, Мустафа тажабастан иштебе дейт, ошентип убакыт өткөнү менен Аман экөө жолугушуп жүрө берди, жүк түшүрүп, кайра жүктөп дүкөндүн жумушунда иштеген Мустафа кээде ичип алчу болду, көз алдына Бегимайдын бирөөлөр менен эркелешип жатканы тартылып ар бир кызматчынын элестетип, ичип алгандан кийин ого бетер кызганычы күчөп ачуусун зорго тыят: "Экинчи ажыраштым деп бара турган болсоң мени бир тууганым деп айтпайм, балдарды жетимсиретип кимге калтырасың", - деген агасынын сөзүн эстеп араң жүрдү. Бир күнү дагы кызуу болуп келсе тамак жасалбай кызы ооруп жатыптыр, уулу Самат эки жаштан өтүп, кызы Саамай бир жарым жашта, ысытмасы көтөрүлүп калыптыр:

- Тамак барбы? - деди кирип эле.

- Быша элек.

- Эмне кылып жүрөсүң, ушул убакка чейин тамак жасап койбой.

- Саамай ооруп жатат.

- Эмне болду эле?

- Эчтеке, суукка урунган го?

- Балдарды карабай талаалап жүрсөң ооруйт да.

- Мен талаалап каякта жүрүптүрмүн?

- Үйдө эле отурбайт белең анан.

- Койчу Мустафа, баягы жомогуңду кайра баштабай, - деп Бегимай жүзүн бура бергенде Мустафа жаакка чаап жиберди:

- Менин сөзүм сен үчүн сөз эмесмин, мен киммин өзү?!

- Айбан, бала ооруп жатса бул эмне кылганың? - Бегимай түктөйө түшкөн жаагын сыйпалап ыйлап ийди, - Сен деген айбансың, акмаксың уктуңбу, эчтекеге түшүнбөйсүң! - дегенде алардын ортосунда Батма түшө калды.

- Болду эми, балаңар ооруп жатса силер урушуп жатасыңар. Андан көрө догдурга алып барсаңар боло!

- Сени өлтүрөмүн, ушул кыз бирдеме болуп көрсүн! - Сөөмөйүн кезеген Мустафа Саамайды көтөрүп эшикти көздөй жөнөдү, Бегимай анын артынан керектүүсүн алып тез-тез басып бара жаткан күйөөсүнө жете албай бара жатты, оорукана контордун артында болчу, кызынын өпкөсүнө суук тийиптир, жаткырып койду, ошентип алар бирде урушуп, бирде табышып убакыт өтө берди, он беш күндөй жатып чыкты Бегимай, ал жокто Батма конторду шыпырып, жууп коюп жатты. Аман Бегимай менен жолугуша албай калганга кыжаалат болуп бозого шылтоолоп иштешкендери менен келип калат. Мустафа андан күмөн саначу эмес, анткени анын оюнда элдик сакчы, урушканды табыштырган милицияны андай ишке барат деп ойлоочу эмес, эски түшүнүктөрдү четке кагып элди жаңы жашоого үндөгөн социализмдин анча өнүгө элек учуру, адамдардын али дагы караңгылыгы күч болчу. Мустафа келгенде беш-алты бозо ичип күпүлдөгөн эркектердин арасында Аман менен дагы бир милиция бар эле. Ала-гүү болуп келген Мустафа аларды бир карап коюп чыгып кетти, сырткы бөлмөдө Батма менен Бегимай балдары менен отурушкан, ошол кезде Гүлмайрам.

- Жүрү Самат, сени ойнотуп келем, - деп инисин колдон алды эле ага акырая караган Мустафа.

- Жөн кой, өзү эле ойнойт! - деп кагып ийди.

- Тим кой ойнотсо ойнотсун. - деген Бегимай ичтеги адамдардан тартына күйөөсүн акырая карады, - Сен антпе, алар бир тууган.

- Ооба, - деп кекетип чыгып бара жатып Мустафа босогого жакын мостое туруп калган Гүлмайрамды жөөлөй кетти, ал жыгыла жаздап токтоду. Батма менен Бегимай бири-бирин карап отурганда бозо ичип отургандар тыйындарын берип чыгып кетишти, Аман Бегимайды бир карап үн дей албай кете берди. Ансыз дагы анын күйөөсүнүн сырын билип калган. Алар кетээр менен Мустафа кирди эле:

- Мустафа, сен ушу Гүлүмдү өгөйлөйт окшойсуң? - деди.

- Өгөй болсо өгөйлөйт да, - деп корсулдап кирип кеткенде жаны кашайган Бегимай артынан кирди, анын азыр эч нерседен аянаар түрү жок эле.

- Сен Гүлүмдү өгөйсүнтпөйм дебедиң беле, сага ачык айтканмын, кызым бар деп билесиңби, же эсиңден чыгып кеттиби ыя?

- Болду эми, ачуу келгенде ооздон чыгып кетти да.

- Эмнеге, сен ачууңду бармактай кыздан чыгарасыңбы?

- Болбодубу эми, - деп дулдуя төргө жаздык коюп жата кетти.

- Экинчи Гүлүмгө алая карай турган болсоң сени менен жашабайм! - деп Бегимай кайра артына бурулганда Мустафанын туруп келгенин байкабай калды, желкесине оор кол тийгенде бакырып жыгылды, Батма неберелери менен сыртта жүргөн, Бегимайдын үнүн угуп кирип келди, Мустафа аны тепкилеп жатыптыр, ортого түштү эле колун шилтеп ийгенде сендиректеп барып токтоду:

- Эси жок десе, кой деп муну кара, болушаары жок дегениңби? - деп Мустафанын колуна жармашты. Ошол убакта Акимбай мектептен келип калды эле, - Аким, барып милиция чакыр, бул кызымды кордоп бүттү, каматып жок кылайын, аз калган өмүрүмдө жалгызымдын сыздаганын көрүп отургуча, - дегенде Акимбай анын сөзүн толуктап укпай эле тыз койду. Бегимайдын көзү көгөрүп, тизээси айрылып канап кеткен, чачтары саксайып ыйлап жатат, аз өтпөй эле Аман кирди:

- Эмне, эмне болуп жатат?

- Ал айланайын мына муну, кызыма күн көрсөтпөс болду, ага кошуп мага дагы колу тийет, - деп ачуусу менен айтты эле Аман жанындагыга: "Карма", - дегендей белги берди.

- Апа, бул эмнең, мен эмне кылдым, кызың тилинен тапты, - дегенде Мустафаны милиция көк желкеге бир коюп алып чыгып кетти, алар кеткенден кийин Бегимай:

- Апа, туура болбоду, - деди күнөөлүүдөй.

- Атасын таанытсын ошолор, сени топ тепкендей эки күндүн ичинде сабагыдай күнөөң кайсы кызым? - деди эне чарчагандай, - Үй жайы белен, ичкен тамагы белен, анан көктөн түшкөнсүп көпкөнүн кара.

- Апа, ал бизге өчөшүп калбайбы?

- Өчөшүп колунан эмне келээр дейсиң, коркпой эле кой.

- Каматып койсок агасы эмне дейт?

- Эк, сары санаа боло бербечи, мага сен керексиң, - деген Батма ичинен жүрөгү ооруп турду, бирок колунан келээр болсо кана, ар бир ата-эне өз колдору менен балдарынын тагдырын жасай алышса дүйнөдө бактысыздар болбос эле го?

- Тагдыр жолум катуу болду апа, мен эми Мустафа өлтүрүп койсо дагы ажыраша албайм, үчөөнү атасыз кылып багамбы, эми төртүнчүсү болот, - деп Бегимай айтканда Батма селт этип алды:

- Эмне дейт?

- Ооба апа, дагы боюмда бар...

- Мейличи каралдым, - Батма терең дем алып алды, - Кантейин, жараткандан жаныңдын аманын тилеп багыңды тилеген эмес экенмин, аман бол, балдарың аман-эсен чоңойсун, жинди болсо дагы эриңдин таламын талашканың туура, анткени энесиң кызым, аялдын жүрөгү деңиздей терең, ааламдай кең, көлдөй чалкып балага мээримин төгүшсө, эрине сүйүүсүн арнаган айкөл болот, ушул сапатыңа ыраазымын, - деди да сыртка чыгып кетти. Аким дарыядан суу алып келип калды, ал күнү Мустафа милицияда түнөдү, эртеси Бегимай аны чыгарып келди.

- Экинчи урушсаң, соттошпой эле ажырашалы Мустафа, - деди Бегимай жолдо келе жатып.

- Мени каматып ийем деп ойлойсуңбу?

- Андай оюм жок, ошону үчүн айттым да.

- Мейли эми коркуп калдым, - деп кыжынгандай кекете Бегимайды жылмая кучактап алып үйүнө келди.

- Мустафа, менин дагы боюмда бар, - деди үйгө кирээрде токтотуп.

- Мейли, баланын көбү жакшы.

- Мен дагы ошентип ойлойм, - Экөө ээрчише үйгө киргенде Батма унчукпай карап гана тим болду.

- Апа, мага таарынбачы, Бегимди катуу сүйөмүн, анан эле кызганып кетип өзүмдү токтото албай кетем, - деп Мустафа анын жанына отурду, - Мен апамдан эрте калдым апа, анча-мынча кетсе кечир.

- Эчтеке эмес, силерди тынч жашасын дейм да, - Батма Акимбайды карады, - Аким, Гүлүм менен Султанды ойнотчу, - дегенде Акимбай чыгып кетти, - Бегим, мен эртең Аким менен Гүлүмдү алып айылга кетейин, керектүүлөрдү дайындап койдум, тиги Чоронун баласы эртең койчуларга жеп алып барат экен, сүйлөшүп дагы койдум, - деди салмактуу.

- Койчу апа, эч жакка кетпейсиң, - Бегимай апасына таңгала карады.

- Болду, мен өзүм чечтим, силер өз оокатыңарды кылгыла. - деп тунжурай отуруп калганда Мустафа Батманын далысына колун кое таптап:

- Апа, андай болбойт, мен экинчи Бегимге сүйлөбөйм, төрүбүздө сен отурбасаң болбойт, - деди, бирок ага Батма жооп кылбады. Эртеси айткандай эле жүгүн жүктөп алып айылга кетип калды: "Жалгызымдын көз алдымда ыйлап-сыктап эти ооруганын көрбөй алыста болоюн, аман-эсен болсо Мустафа акыры баш ийээр, камыр-жумур болуп калышат, менин бирге турганым жолтоо болуп жаткандыр, өздөрүнчө болушса урушпас, кайнене бирге турса кээ күйөө бала сүйбөйт дечү эле", - деп ойлонуп өз үйүнө келип, туугандарына кошкон беш-алты жандыгын өз колуна алды, уюнун музоосу кунаажын болуп калыптыр. Он чакты тоок алып келип алган, текилдеп Гүлмайрам тоокторду кууп жумурткасын чогултуп келет, аким чоңое түшкөнгө малды көздөгөнгө жарап калган, эки үйдүн ортосунда жүрөт, акыл-эстүү болуп өсүп бара жаратат. Батма аны татынакай кылып кийгизип, мектепке окутуп жатканына Кубат менен Суксур ыраазы, күз келгени айылдагы сегиз жылдык мектепке окутканы сүйлөшүп койду.

Апасы кеткенден кийин Бегимай абдан кыйналды, балдары менен жумушуна бир маал барып пол жууп кайра келет, баягыдай күндө бозо сатып түшкөн акчага азык-түлүк алып кең-кесири жашаган күн жок, балдарынын канты түгөнсө бир күнү тузу, бир күнү наны калбай калат, Мустафа болсо тапканынын жарымын ичип алып жарымын алып келет, Батма соку канттарды катып алып талкалап берип ченеп турчу, унду килелеп алышат.

- Сен күндө уруш чыгара бербесең апам кетпейт болчу, - деди бир күнү Бегимай ыйлактап, өзү баарын жайгарып, эмне бар, эмне жогун билбей көнүп калган эле.

- Мен эмне кылдым? - деп күңкүлдөдү Мустафа.

- Гүлүмдү көп көрүп туруп алдың, өзүң келип жаткансып.

- Мен эмне кет дедимби?

- Экөөбүздүн урушубуздан кетти.

- Болуптур эми, мен күнөөлүүмүн, кой ишке кетип калбасам сен кулак мээмди жейсиң, - Мустафа кийинип чыгып кетти.

- Эрте кел! - деп Бегимай кала берди, Мустафа кеткенден кийин эки баласын тойгузуп, кийимин кийгизип сыртка чыгарып койду да үйүн жыйнап бозо ачытты, антпесе айына тийчү отуз сомго эчтеке келбей турган, жетсе дагы кыйналып калышчу болду. Ал эми гана бозону ачытып бүткөндө шып этип Аман кирип келди:

- С-сен? - Бегимай чочулай карады, - Мустафа көрсө өлтүрөт...

- Сагынып кеттим Бегим, көргүм келди, - Аман аны кучактап өпкүлөп жатты:

- Бирөө жарым айтып койсо кантем Аман?

- Каматып жиберем.

- Кантип, балдарым менен мен кантем?

- Коркпо, өзүм багып алам, сугалактана өпкүлөп ички бөлмөгө алып кирип төшөккө басып калды. Эки бала эшиктин алдында ойноп отурушат, экөө бир топко чейин махабаттын кереметтүү оюнун ойноп бүтүшкөн соң туруп кийинип Бегимай чыгып эки жакты карады да басып кетти. Бегимай ушул кез Мустафаны жек көрүп кетти, анын төшөктө эч кандай рахат бере албаганына жини келип: "Өзүн гана ойлогон дөбөт, качан мени Аманга окшоп бакыттын туу чокусуна жеткирди, өзүнүн иши бүткөндө эле шалк жатып калат, андан көрө ажырашып алсам бекем", - деп ойлонуп балдарына түшкү чайын берди, сүттүн литрин он тыйындан сатып алышат. Кечинде Мустафа эт менен май көтөрүп келди, бапыраңдап этти асып коюп:

- Бегим, кудай буйруса мал сойгон жерге иштеп калдым, күндө эт аштан куру болбойбуз, - деди уулун алдына алып.

- Айлыгың кандай болот экен?

- Айлык жок, ар бир мал союлганда беш сомдон берет.

- Мейли, күндө беш сом болсо байып кетебиз го? - деп Бегимай кубанып алганы менен аманды ойлогондо күйөөсүн көргүсү келбей туруп кетти, бирок ал Аман менен кең-кесири эле жолугушуп жүрдү, Мустафа кийинки күндөрдө көп иче баштады, кээде бутунан тура албай келет, коңурукту кош тартып уктап калат, мындайда аларга кудай берип калбаспы, түнү эки-үч саат кумардан чыгып анан Аман кетип калат, Бегимай эчтеке билмексен болуп жатып калат, бир күнү дагы келип кайра шашылып кетип жатканда чөнтөгүнөн чылым салган портсигары түшүп калыптыр, болгондо дагы босогодон чыга бериште, аны көрүп Мустафа:

- Бул кимдики? - деди өңүн буза.

- Кайдан билем?

- Ким келди эле үйгө?

- Бозо ичкени көп эле киши келет, мен таанып жүрүптүрмүнбү?

- Билесиң, эң сонун билесиң! - Жаагын карыштыра кармаганда ал бакырып ийди эле балдары чырылдап апасынын этегине жармашты.

- Мустафа, балдардын эсин чыгарасың.

- Болду, болду балдарым ыйлабагыла, - деп Мустафа уул-кызын отура калып кучактап өөп сооротуп калды, Бегимай ошондон пайдаланып:

- Жолдон ойноп жүрүп көтөрүп келишкен го? - деди актана, - Минте бергениңден тажадым, деги тынч жашаган күн болобу, минтип үчүнчү балабыз төрөлгөнү турат, ошондо дагы чырылдашып турабызбы, көчөдө жаткан бир буюм үчүн дагы кызыл чеке болуп жүрсөк балдарды кантип тарбиялайбыз? - деп ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болуп жаткан эле.

- Болуптур эми, экинчи урушпайм, - деп Мустафа балдарын сооротуп үйгө алып кирип анан жумушуна кетти, Бегимай кытмыр күлүп: "Эшек баш, сенин кызганганыңдан ушул болду, сен тынч жүрсөң мен ушинтет белем, бир жагы андай болгондо бакыт дегенди билбей жүрө бермек экенмин, көзүмдү ачканың жакшы болду, балдарымдын атасы бар, бакытым башка жакта, түбөлүк акмак менен жашасаң дагы жаныңда жыргалга балкыткан мүнөттөрдү тартуулаган жакын адамым бар", - деп ойлонуп балдарын карап өз тиричилигине киришти, түш ченде Аман түз эле келип төргө өттү:

- Аман, биздин бул оюнубуздун арты кайда барат? - деди Бегимай кылыктана эркелей көзүн сүзүп, - Бүгүн эртең менен мына бул үчүн чоң жаңжал чыкты, - деп колундагы портсигарды көрсөттү.

- Ой иттики десе, мен аны таппай калбадым беле?

-Мындан ары буюмдарыңа сак бол.

- Алтышкам десе, тирүүлөй отсуз өрттөп бүттүң го? - Аман аны имере кучактап оонап жата кетти, - Мындан кийин сак болуп жүргөнгө аракет кылам, кылыгыңдан сенин...

- Аман.

- Оов.

- Сен мени чындар эле сүйөсүңбү?

- Аябай сүйөм жаным.

- Менин дагы, сенин дагы үй-бүлөөң бар, түбөлүккө минтип уурданып жашабайбыз го, убакыт деген утат, анан мен...

- Бегим, биздин ушинтип жүргөнүбүз бакыт, сен мени күтүп, мен сени сагынып, бири-бирибизди көрүүгө ашыгып... Эгерде биз бирге болсок сүйүүбүз бат эле сууп, тигил жетишпейт, бул жетпейт дегенден уруш чыгат да жаман-жакшы айтышабыз.

- Чын эле, - Бегимай Амандын сөзүн туура көрүп ойлонуп калды, ошол убакта сырткы бөлмөдөн балдарынын келе жаткан дабышы чыгып Бегимай жоолугун оңдоно тура калды.

- Жата турчу жаным.

- Чак түштө уят го, анын үстүнө кокус Мустафа келип калса сен экөөбүздү мууздап салат, мындан ары күндүзү келгениңди токтот, - деп кирип келген уулун кучактап өөп, - Саамай кана уулум? - деди.

- Ал ойноп жатат, мени Эйкин ууп койду, - деп тултуйду Самат.

- Аны шашпа, апасына алып барып сабатпасамбы, - деп сооротуп уулун сыртка чыгарды, - Аман, тур эми кетип кал, тиги келсе соо койбойт, бир нерсени жүрөгүм сезип турат, эртерээк кетип калчы, - деп Аманды жалдырай караганда ал шымдана көйнөк галстугун оңдоно чачын сылай туруп келип Бегимайды кучактап өөп:

- Коркогум десе, туура айтып жатасың, этият болуубуз керек, өзүм үчүн эмес, сенин мына бул карагаттай көздөрүң үчүн, анда барайын, көрүшкөнчө жаным, - деди да босогодон чыгып үйдүн сол жагына бурулаары менен оң тараптан Мустафа келди, ал убакта алардын үйүнүн короосу тозулуу эмес, коңшуларыныкы дагы, ортодо өрдөктөр ойногон ылай көл, андан көп алыс эмес контор жайгашкан. Бегимай күйөөсүн көрүп көзү чакчая түштү:

- Эмне болду? - деди Мустафа.

- Чоочуп кеттим, тымтырс отурганда...

- Чоочуба, карачы семиз койдун эти, күрүч май менен кантты алып келип алдына койду, - Балдар эшиктеби?

- Ооба, азыр эле чыкты, уйкум келип жата калдым эле, - деп Бегимай ичинен кудайга миң мертебе ыраазылыгын билдирип жалынып жакасын карманып жатты. Убакыттын агын суудай шар-шур этип өтүшү менен ичи чоңоюп декретке чыгып үйдө болуп калды, бул кезде Аман тынбай акыбалын сурап турду, ал чынында эле Бегимайды жан дили менен сүйгөн эле, бирок аялы менен ажыраша алмак эмес, өңү эле серт эмес анын ичи да былык, тили уу, жаман жакшыны ылгабаган аял эле, атасынын көзү тирүү, ал уулун тескеп турат, балдарын тирүүлөй жетим калтырба дегенин эчен ирээт кайталайт, анткени Аман өзү жүзү жалтырак анан келин-кыздарды көргөндө кыя өтпөй турганын көзүнөн эле билет, аялына көңүлү жогун дагы билгендиктен эскертип турат. Аман атасын сыйлагандыктан айтканын аткарат, анткени жашында апасы өлүп калып атасы төрт баланы өзү чоңойтуп эки уул, бир кызы үй-жайлуу болгондо гана аял алып эң кенжесин өзү багып жүргөн. Бегимай дагы уул төрөдү, Мустафага кудай берип эле калды, анткени күндө аз-аздап кызымтал болуп ичип келген неме эми баласын жууп күндө мас, Жапар аялы экөө келип баласын көрүп кетишти. Үч бала менен үйдө отуруп калганга Батма кайра келди, ал бул жолу Акимбайды ата-энесине таштап кетти, ага кайрылып келээрин айтып бир торпогун берди да бир уй, бир кунаажыны менен беш-алты жандыгын машинага салып жүгү менен он чакты тоогун алып биротоло келди. Жалгыз кызынан жаш аялмет болуп калганына кубанып: "Жалгызымдын канаты жайылып өссүн, уулу иниси, кыздары сиңдилери болуп жалгыздаган билгизбейт, өлгөнүмчө кызымын балдарын багайын", - деп ойлогон эле.

- Апам келип жакшы болбодубу, - деп Мустафа кубана барпаңдап жатты, - Апа, эми мен Бегимге такыр сүйлөбөйм, мал сойгон жерде иштеп жатамын, баарыңарды өзүм эле багам.

- Айланайын, уруш-талаштын пайдасы болмок беле, балдарыңар турат, эми тынч жашагыла, - деди Батма ыраазы боло.

- Апамдын көңүлүн калтырсаң дагы эле кетип калат, - деп күлүп калды Бегимай, - Самат менен Канатты апама беремин дагы мен иштейм, Саамай менен Гүлүм болсо мага жардам берет, ээ Гүлүм?

- Ооба, мен жардам берем, - деди Гүлмайрам, ал биринчи класста окуп калган болчу, мамыры-жумуру бул жашоо канчага уланаарын ар кимиси өз-өз ичинен ойлонуп жатышты. Айрыкча Бегимайды Аман менен болчу ырахаттуу мүнөттөр кыжаалат кылып жаткан, ал тынбай келип кабар алып турат, жок дегенде бозо сурап келип кетет. Кээ-кээде ал дагы Бегимайга акча таштап кетет, бир жолу күүгүмдө бирге иштеген жаш милиционерден белек берип жибериптир. Жүрөгү дүкүлдөгөн Бегимай үйгө кирип катып койду, аны көрсө сөзсүз Мустафа жарылаарын жакшы билгендиктен коркуп жаткан эле. Аман берген белек алтын шакек болчу, Батмада деле илгерки өзүнүн жасалгалары бар, бир топ алтынын Бегимай күйөөгө биринчи тийгенде Базар-Коргонго барып сепке даярданганы сатып келген. Эми анын Бегимайга берээри бар, ал аны качан гана жашоонун жана баалуу буюмдун кадырын билген кезде бермек оюнда, анткени атасы ага күйөөгө чыгаарда атайын алтындан көзүнө каухар чөгөртүп сөйкө шакеги менен жасатып берген болчу. Оо ага канча жылдар өттү, анда өзү он бештеги кыз болчу, атасына эркелеп эртели кеч тизээсине отуруп алып: "Ата, мени күйөөгө бербей эле койчу", - деп айтаар эле, анда атасы: "Кызым, сен уул бала эмессиң да кыз бирөөнүн бүлөөсү болот тентегим, күйөөң манаптын баласы, сенин бактылуу болушуңду каалайм кызым, күйөөгө бербесем Калыгул казынын кызын эр албай кара далы болуп калды дешип кеп кылат кызым", - деп чекесинен өөп коюп терең дем алганы азыр дагы эле көз алдында, буларды эстеп отуруп качанкы атасы берген арча жагданында жаткан жасалгасын эстеди: "Эми берсем болот, чач мончогумдагы күмүштөн жасалгар, мончоктор, каухар жасалгаларды кызыма берейин", - деп ойлонуп арча жагданын ачты. Эскирип калганы менен оймолору өзүнөн чыгып кооздолуп жасалган жагдан өтө оор болчу, ага өзү чогултуп жүргөн тыйыны бар.

- Апа, кечинде аны эмнеге ачып жатасың? - деди Бегимай кызыга карап, ал дегеле бала күнүнөн бул жагданда эмне бар экенине кызыкпаптыр.

- Отур кызым, мен болсо карыдым, сен акыл токтотуп калдың, мен сага өзүмдүн баалуу буюмдарымды өткөрүп берейин, - дегенде таңгала келип отуруп калды.

- Ал эмне баалуу буюм апа?

- Азыр көрөсүң кызым.

- Мага мурун айткан эмес элең го?

- Убактысы эми келгендей болду кызым.

- Ой тобо-о, - Бегимай апасынын сандыктын түбүнөн түйүнчөк алып чыгып жатканын көрүп оозун ачты, чач мончок асыл таштар менен баалуу шурулар өткөрүлүп күмүштөн тогоолорун жасаткан үч катар чачка таккан жасалганы көрүп, - Ай-ий апа, буларды мага көрсөткөн эмес элең го? - деди кармалап көрүп, - Чачпактары шумдук го?

- Мен атаңа күйөөгө чыгаарда өзүмдүн атам чоң зергерге барып жасатып берген кызым, көбүн сенин себиңе жумшабадымбы.

- Муну бекитип эле кой, эми чач мончок тагынгандар жок да, - деп Бегимай сөйкө менен шакек, кооздолуп асыл таш чөгөрүлгөн билерикти кармалап колуна салып кирди.

- Акчага азгырылбай тагынып жүр кызым, бул элүү жылдан бери катылып келе жаткан асыл буюм, жаңы заман чыгып, андан кийин согуш болуп ачарчылык башталып буларды тагына тургандай деле болгон жокмун, андагы заман ата-аңдын көрү башкача эле, мага окшогон бай-манаптын кыздары үчүн, - деген Батма шуру чөгөрүлүп тигилген үкү тебетейди алып чыкты. - Бул менин такыячан кездеги кийген тебетейим, кичинекейиңде сага кийгизип койсом мына бул жерин үзүп коюпсуң, кайра катып койгонмун кызым, бул менин балалыгымдан калган эстелик, - деп үшкүрүп алды.

- Апа, бул сөйкө шакектерди ала берейинби?

- Сага өткөрүп жатам го кызым, - деп күлүмсүрөй карады, - көзүм өтүп кетсе эстеп тагынып жүрөрсүң, алдагы билерикти этият кыл, анын баасы азыркы акча менен бир жылкы турат кызым.

- Оо-ой ий, ошончо кымбатпы?

- Мунун баалуулугун билген зергерлер эки жылкыга дагы алат эле мурунку убак болгондо, - деди Батма башын ийкеп.

- Укмуш, апа бирдеме айтайынбы?

- Айта гой кызым.

- Анда сатып бул үңкүрдөй болгон үйдөн башка үй сатып албайлыбы? - деди Бегимай, эненин жүрөгү зырп этип алды: "Ошону үчүн көрсөтпөй сактадым эле, эми болбостур, көрүмө ала кетмек белем, бектер кетип бел калат дегендей баары өтөөр кетээр дүнүйө экен да, жакшы күндө өстүм, келин болуп келгенимде дагы жамандык көрбөдүм, эки кылымдын жашоосун көрүп отурам, ушунусуна дагы шүгүр", - деп ойлонуп кеткен экен.

- Өзүңөр билгиле кызым, эми булар сеники, - деди.

- Анда апа өзүң эле бирдеке кыл, а буларды өзүм тагынам, - деди Бегимай, оюнда апасынын баалуу буюмдары менен бирге Амандын берген шакегин дагы тагынып алганга болот эле.

- Баалуу буюмду кастарлап урунуу керек кызым, - деп топуну колуна алып Гүлүмдү жанына чакырды, алар оозгу бөлмөдө отурган, Мустафа дагы Самат менен Саамайды ээрчитип кирди, Канат таттуу уйкуда, ал эки гана айлык.

- Апам сандыгынан эмнени карап жатат? - деди Мустафа.

- Кел Гүлүм, таенеңдин топусун кийип алчы, - деди Бегимай.

- Апам бай-манаптын кызы болсо керек? - деп Мустафа дагы кооз тигилген үкү топуга кызыга карады.

- Мустафа, бул мага жарашат бекен? - деди Бегимай кулагындагы сөйкө менен шакек билерикти көрсөтө.

- Укмуш го? - Мустафа кармалап көрүп жатты, ошондон эки-үч ай өтпөй эле Батма өзү аларга асты пол, кирпичтен салынган төрт бөлмөлүү там алып берди, анткени ыгын билип калгандыктан билерикти Анджанга алып барып өткөрүп келген, там сатып алгандан калганына керебет, диван, шифонер алып берип кенен жашап калышты, ошол кезде жаңыдан гана райондо кирпич тамдар көзгө укмуш көрүнчү.

Бегимай андан кийин дагы төрөдү, он балалуу болуп бири чарчап калды, Мустафа болсо ичкенин койгон жок, уруш-талаш менен жашоосу өтө берди, Самат менен Саамай чоңоюп калганда Батма эски тамга кетип калды, күйөө бала карыса жээн дегендей ичип алганда сөзү дагы тийчү болду, ага өчөшкөн Бегимай Аман менен жүргөнүн токтотподу, арадан беш жылдай өткөндө анын иштеген жерине узун бойлуу, беттеринде майда сепкил, көзү чалыр, чачын төбөсүнө түйгөн аял келип аны издеп тапты.

- Бегимай деген сенсиңби? - деди ал көзүн чалырайта.

- Ооба, сиз кимсиз?

- Мен Амандын аялымын, үй-бүлөлүү экенин билип туруп эмнеге азгырып жүрөсүң? - деди ачуусу келип, бир ашыкча сөз болсо эле баса калчудай түр көрсөтүп.

- Байкап сүйлөңүз, менин дагы күйөөм бар, жети-сегиз балам турат, ушуну кантип айтып жатасыз? - деди Бегимай кашкая.

- Далилдеп алыңыз!

- Далилдейм, ошондо көрүшөбүз.

- Көрүшөбүз, качып бара жаткан эч ким жок! - деп Бегимай пол жууган чакасын көтөрүп басып кетти: "Ушунчалык дагы кебетеси суук аял болобу, атасы Аманды зордобосо жанына жолоочу эмес экен да, кызык адамдарды бирин жакшы, бирин жаман кылып кошуп коет тура", - деп ойлонуп үйүнө келди. Мустафа үйүндө экен, кызуу да болчу:

- Байбиче чарчадыңбы? - деди ырсалаңдап.

- чарчадым, сен дейсиңби эчтекени ойлонбой эле ичип жүрө берген.

- Капаланбачы байбиче, кээде ичип койсом эмне болот эле, - деген Мустафа эң кичүүсү Суранды алдына алып отуруп калды, - Кел чай ич, Саамай тамак жасап жатат.

- Көп сүйлөбөчү, башым оору жатат.

- Сенин башың ооругуча менин башым оорусун, - Мустафа жасакерлене күлдү, - Балдардын маңдайында аман-эсен жүрө бер.

- Башка көзгө койгулап жүрүп сен мени бүтүрдүң, деги качан адамча жашайбыз, качан болсо массың, жаштыгымды ур токмок менен эле өткөрүп ийдиң го? - деп Бегимай ачуулана төрдөгү диванга жата калды, ал Амандын аялын көргөнү жаман абалда болуп жаткан: "Аман кандай жакшынакай адам, иштеген иши бар, акыл-эстүү, эмнеге анын тагдыры ушундай, а меникичи, мен дагы өзүмдү зордоп жашап жүрөм го, жалгыздыгым билинбесин деп балдарды төрөдүм, эгерде Аман экөөбүздү кошуп койсо кандай гана бактылуу болот экен", - деп ойлонуп кыжаалат боло берди. Эртеси конторго келип шашыла жууп коюп кайра жөнөп жатканда Аман алдынан чыкты:

- Кандай?

- Жакшы.

- Эртең баягы жерге келип калчы.

- Жок, бара албайм Аман, кечээ аялың келип кетти, - деп Бегимай жер карап туруп жооп берди.

- Эмне, Шарапат келдиби сага?

- Ооба, билип калыптыр.

- Болушу мүмкүн эмес, - деп Аман туруп калганда Бегимай жөнөй берди, "эки ашык" ошентип туюк коштошо эки бөлүнүштү, экөөнүн жүрөгүндө тең аяздуу бороон улуп, бири-бирин жоготкусу келбей жатты, Аман аялына барып урушуп жаңжал чыгарды, кетемин деди, бирок биринен-бири өтүп бойго жетип келе жаткан уул-кыздарын ойлоп ага бара албады, беш баланы аттап кетүү адамгерчиликке жатпасын түшүнүп аргасыз ичинен тынды, үйүнө барбай бир жумадай атасынын бир тууган инисинин үйүндө жүрүп алды, ал учурда Бегимайды ойлогону менен жолугууга болбосун сезди, анын дагы үй-бүлөөсүн бузуп жашоосун тозокко айланткысы келбеди. Аны катуу сүйгөндүктөн ошондой кылды, жок дегенде өзүм сүйгөн адамдын жашоосуна бүлүк салбайын деген ойдо болду ал. Бегимай болсо сиркеси суу көтөрбөй башым деп жатып алат, Мустафа сүйлөсө эле кыжыры келип:

- Көп сүйлөбөчү, деги сенден кутулаар күн барбы? - деп кагып коет.

- Догдурга көргөзөйүнбү?

- Кереги жок.

- Мен эми урушпай калдым го Бегим, - деп үлдүрөй карайт мындайда Мустафа, - Балдар чоңоюп калды го, эми урушпачы алтыным.

- Койчу, түштөн кийин акылдуусунбай, - деп Бегимай дегеле анын сөзүн жактырбайт, ошондой күндөрдө алардан кабар алганы Батма келип калды, ал кыз-күйөөсүнүн жашоосуна кам көрүп койгон, баягы уйлары үч-төрт болду, жандыктары ондон ашты, пенсиясы он сегиз сом болуп өзүнө жетет. Гүлмайрам тогузунчу класста окуп калган эле. Такылдап жакшы окуйт, абдан тың, ага ар дайым акыл-насаат айтып турат, өзү баягыдан карылыкка баш ийе баштаган.

- Кел апа, - деди Мустафа.

- Келдим балам, кандай жатасыңар?

- Жакшы.

- Бегим үйдөбү?

- Ооба, ооруп жатам дейт.

- Эмнеси ооруп жатат кокуй? - Батма чоочуп кетти, караган карманганы жалгыз ушул болсо кантсин анан, үйгө кирип чүмкөнүп алган кызынын жанына отурду, - Ээ Бегим, эмне болду садагаң?

- Апа, качан келдиң? - Бегимай башын көтөрдү.

- Эми эле келдим, бир жериң ооруп жатабы?

- Башым ооруганына жата калганмын.

- Гүлүңдү сага берсем окшойт...

- Кой, ал сага жардам берип карасын.

- Сен минтип жатсаң...

- Апа, Мустафа кой багалы дейт, кетким келбейт менин, тоодо куурап мал багамбы эми, - Бегимай өйдө болуп апасына кеңешкендей.

- Кызым, мал баккан жакшы эмеспи, өзүңөрдүн малыңарды кошуп багып аласыңар, - деди Батма, - Короо кой алам дейби?

- Ооба, кечээ директор чакырып бир короо кой бак дептир.

- Бага бергиле, балдар мени менен болот

- Ии-ий апа, жаан-чачында кантебиз анан?

- Баарына көнүп жашаш керек кызым, ысык-суукту башыңдан өткөрүп жашоого бышкан жакшы, - деп Батма кеңеш берди, ошондон кийин эле алар бир коро туут кой алып тоого көчүп кетишти, Аман алардын койчу болуп кеткенин угуп ичи ачышып кала берди, бирок ал аялына жаман да жакшы да айтпады, болгону эрди-аял деген аты бар, ага Шарапат жинденип жүрдү. Бирок Аман жумушуна байланыштуу үйүнө көп жолобой кеч келип эрте кетет же келбей калат, бир күнү эртерээк келди эле босогодон эле аарыдай ызылдап тозуп алды.

- Сенин үйүң барбы өзү, мен сага киммин, үйүңдү кайтарган каракчымынбы ыя?

- Эй сага эмне болгон? - Аман билмексен боло карады.

- Ийи, ойношуң кеткени мени көрөйүн деген көзүң жок, андай эле болсо башымды бошот, мен дагы өз бактымды табайын.

- Эмне? - Аман ага таңгала карады, - Сс-сенби?

- Мен эмне киши эмес бекенмин?

- Акыл эсиң ордундабы деги. Ушул жашыңда кайда барасың, балдардан уялбайсыңбы?

- Эмнесине уялам, атасы башка аялдар менен кетип калса, энесин адам катары көрбөсө, - шарапат албууттана кыйкырып жатканда аскерден келген улуу баласы Каныбек чыга калды.

- Эмне болуп жатасыңар?

- Атаңдан сура, - деди Шарапат кызуулана буркулдап.

- Шарапат, эсиң менен бол, мен ойноп жүрөмбү, иш ошондой.

- Апа, атамдын жумушу оор, түшүн да сен дагы, - деп Каныбек сыртка чыгып кетти, Шарапат ызалана унчукпай калды, баласынын атасына тарта сүйлөгөнү жинине тийди.

- Андан көрө кардым ачты бирдемең барбы? - деди Аман отуруп жатып.

- Кызың жасап жаткан, - деп бурк эте үйдү айлана басып кетти, Аман ага таарынган жок, бул көрүнүшкө отуз жылдап көнүп бүткөн, балдарынын алды жыйырма бешке чыгат, үйлөнтмөк жакында, кызы дагы бойго жетип калды, терең дем алып алды: "Башка келсе байтал жорго дегендей күнөө атамда эмес, тагдыр пешенеме ушундай жазылган тура, эчтекеден кем эмес, үстүндө үйү бар, кучагында балдары турат, арга канча, акылсыз аял камыштуу саздак жер деген чын экен да, качан болсо былгытып турат", - деп ушул өз үйүнө келгенине өкүнө үйүнө кирди.

- Кызым, бирдемең барбы? - деди анан кызы Кереметти көрүп.

- Ата даяр, отура бериңиз. - Керемет жаркылдай жооп бергенде көңүлү ачыла түштү, - Иштериңиз кандай ата?

- Баары жакшы кызым.

- Менин атам абдан кадыр-барктуу киши да, - деп Керемет эркелей кетти. Аманга ушул гана керек эмеспи, жумуштан чарчап келгенде үйүнөн көңүл көтөргөн жакшы сөз уккан кандай жакшы. Балдарына ичтен ыраазы болуп турду: "Бүт өмүрүмдү өзүм үчүн эмес ушулар үчүн курмандыкка чалбадым беле, мына менин коргоочуларым, мен элди коргосом, мени бир ажаан аялдан ушулар коргойт", - деп ойлонуп отурганда Шарапат кирип тултуя отуруп калды. Кабагына кар жаап өзүнчө эле согушка чыга тургандай, Аман ошол учурда Кыргызстанды эмес Союздун баарын титиреткен крим авторитеттин түрмөдөн качканы тууралуу буйрук алып тоо-таштарды тинтип. Чет жакада жалгыз жарым жашаган түтүндөрдү кыдырып коркунучтуу адамдан сак болушун жарыялап жүргөн эле.

- Ийи, бүгүн үйүңдүн бар экенин билген экенсиң? - Шарапат кекете карады, - Бул үйгө келчү жолду унутуп калбадың беле?

- Шарапат, мен тапшырма менен жүрөм, тоо-ташты кыдырам, андан көөр силер дагы сак болгула, коркунучтуу айыпкер түрмөдөн качты.

- Ал кайда кетиптир ата?

- Кайдан билем, жер жутуп кеткенсип жок.

- Элдерге зыян кылышы мүмкүнбү? - Керемет кызыга сурады.

- Албетте, карды ачып кийим-кечеси тозгондон коркутуп тартып алуусу мүмкүн кызым, алар башын өлүмгө байлагандар да.

- Кечээ Кара- Колот совхозунан бир чабанды коркутуптур го? - деп Каныбек кирип келе жатып эле сөзгө аралашты.

- Кайдан уктуң? - Амандын жүрөгү болк этип алды: "Ал совхоздо Бегимайлар бар эмеспи", - деген ой кылт этти, - Бизге андай кабар түшө элек го?

- Кайдан билем, балдарынын бирин кармап алып, мага тамак аш берсеңер тийишпейм, кийим дагы керек дептир.

- Анан? - Аман уулун карап калды.

- Берсе керек да, тынч кетиптир.

- Кой эс алайын, таң эрте кетишим керек, - деп Аман бата кылып ордунан турду, Шарапат уул-кызынын көзүнчө үндөй албады.

- Атаңардын оорусу кармады, эми ал Кара-Колотко бармайын жаны жай албайт, - деп Шарапат дагы туруп кетти, Керемет менен Каныбек бири-бирин карап калды, эки-үч кичирээги эчтеке менен иши жок тамактарын ичип отурат. Аман ирең бараңдан туруп кетип калды, түндө башка бөлмөгө жатып алган, Шарапат анын жанына кирип ар кайсыны сүйлөдү эле унчукпай койсо аргасыз чыгып кеткен, ошентип үй-бүлөөнүн түркүгү болгон эркек аттууну дагы тажатып бүтүргөн Шарапат таң атпай буркан-шаркан түшүп жатты.

- Апа, сизге эмне болду таң атпай? - деп Каныбек чыга калды.

- Атаңардын тапкан аялы бар, ошону үчүн эле шылтоолоп кетип жатат, силер үчүн гана келет.

- Апа-а түшүнсөң боло, атамда эч кандай күнөө жок, жумушу ошондой, ушинтип ажылдай берсеңиз кантип үйгө жолосун?

- Баарыңар атаңардын талабын талашасыңар, мени ойлогон эч ким жок! - деп ыйлап кирди.

- Апа, койчу таң атпай, - деп Керемет уйкулуу көзүн ушалай чыга калды.

- Сен калдың эле, мени атаңар теңине албайт.

- Теңине албаса сиз менен үй-бүлөө болот беле?

- айла жок эле жашап жүрөт, мен кетемин! - деп көз жашын аарчып туруп бөлмөсүнө кирип кетти. Бала деген бала эмеспи, унчукпай кала беришти, көп өтпөй эле Шарапат кийимин көтөрүнүп чыгып кетти.

Керемет агасын бир карап алды да жүгүрүп артынан чыкты.

- Апа, кайда барасыз деги?

- Жогол, менин барар жерим жок бекен? - Жулкунуп кетип жаткан Шарапатты жетип колтуктап алды Керемет.

- Апа, уят эмеспи, каякка барасыз, бизди таштап кетесизби?

- Атаңар бар го, мени эмне кыласыңар? - Кызына акырая карады.

- Койчу апа, ушинте бергениңиз болбойт да, анда атам үйдө отурсун иштебей эле, ошо жагабы сизге?

- Кереги жок, бар үйгө кир!

- Мен сенсиз эч жакка барбайм, - Эне-бала тарткылашып жатканда Аман келип калды, ал жылуу кийимдери үчүн келген, он күнгө кетип жаткан эле, аны менен бирге дагы үч-төрт милиционер бар эле, аялы менен кызын көрүп:

- Силер каякка? - деди.

- Апам кетем деп жатат.

- Кайда?

- Билбейм, - Керемет ыйлап алган, Аман уялып кетти, балдары унаада аны күтүп жаткан.

- Мен он күнгө кетип жатам, жылуу кийимдеримди алганы келгем.

- Биротоло эмеспи? - деп Шарапат кекете карады.

- Акырын, иштешкендердин көзүнчө уят кыласың.

- Уятты билесиңби сен? - Акырая карады, Аман аны колтуктап ичкери киргизмек болду эле тырышып туруп алды.

- Бол эми, балдарга уят кыласың.

- Кетмектен жоголуп кет!

- Кирчи үйгө! - Жини келе карыдан булкту.

- Кое бер, мен кетем, балдарың менен жашай бер! - деп тетири басты.

- Кетсең кетчи, кармаган киши жок, - деп Аман өзү үйгө кирмек болгондо Керемет анын жылуу кийимдерин сумкага салып алып чыкты.

- Мына ата.

- Рахмат кызым, мен кечикпей барайын, - деп кызын бетинен өөп коюп жөнөй берди.

- Ошол кеткениңден келбе, ылайым өлүп кет! - деп Шарапат кыйкырып калды, Керемет апасына жетип барды, Аман унаага түшөөрү менен эле жөнөдү.

- Апа, эмне деп жатасыз?

- Өлүп кетпейби, ылайым эле келбей калса экен.

- Кантип ушундай болсун, атам сизге эмне кылды, эчтекеден кем кылган жок, кийген кийимиңиз, жалаң алтындарды тагынып жүрөсүз, кардыңыз ток жашап жатабыз го, эмнеге эле атамды жек көрөсүз? - деп ыйлаган бойдон үйүнө кирип кетти. Шарапат сыртта көпкө туруп анан кайра үйүнө кирди, эч кимиси үндөбөй бөлмөлөрүнө кирип кетишти...

Аман жүрөгү ооруп, эмеле аялынын айткан сөздөрүнө зээни кейип: "Жаман менен жашаганча түбөлүк, жакшы менен калган жакшы бир өлүп деген ырас тура, үй-бүлөө болуп адамча жашабадык, же биротоло кете албадым, менин балдарым үчүн гана жашап жүргөнүмдү билсе кана", - деп ойлоп кетпи жатты. Алар түз эле совхоздун директоруна кирип койчуларга алып барчу унаага отурушту, адегенде эле Мустафалардын короосуна жетишти, беш алты адамды көргөн Бегимай үйүн жыйыштырып тазалап коюп тозуп чыкты, Мустафа кой кайтарып кеткен, Самат менен Канат кой тозушуп жанында, үйдө беш жашар кызы бар, Бегимай алардын арасында жүргөн Аманды көрүп жүрөгү зырп этип алды:

- Келиңиздер

. - Кандай, мал-жан аманбы? - дешип учурашып анан короо сарайды карап көрүшүп тегерене басып жүрүштү.

- Силерге коркунуч келтирген эч нерсе жокпу? - деп Аман ага сыпаа сурады.

- - Жок. Азырынча жок, бирок угуп жатабыз.

- Өзүңөр кандай, кыйналган жоксуңарбы? - деп калганда жанындагы милиционер ары басып кетти, - Кой багууда кыйналбадыңарбы?

- Эми түйшүгү оор экен, бирок көнүп калдык.

- Бегим, мен сени сагындым.

- Мен дагы, - деп Бегимай жер карап шыбырады.

- Күйөөңдүн чоң муштумдугу калдыбы?

- Керээли кечке мал менен болуп ага колу бошобой калды... - Күлө карады.

- Кантип жолугабыз?

- билбейм, - деп экөө аста шыбырай сүйлөшүп турушканда койлорго дүрбү салып карап турган Мустафа чатырдын жанындагы караандарды көрүп Самат менен Канатка коюн дайындап ылдый карай жөнөдү. Ал атын темине ылдамдата бастырып келе жатып, Аман менен Бегимай сүйлөшүп туруп анан аларды чайга чакырды.

- Сак болуңуздар, кооптуу айыпкер түрмөдөн качкан, балдарыңарды жакшылап карагыла, зыян кылышы да мүмкүн, - деди Аман чогуу чай ичип отурушканда Мустафа кирип келди.

- Ассалоому Алейкум!

- Алеким салам, кандай Мустафа? - деди ал доктур.

- Жакшы-жакшы, келип калыпсыздар?

- Качкын жөнүндө уккансыз да, - деди Аман.

- Ооба-ооба, койчулардын баары андан коркуп калышты го?

- Ошол, өтө кооптуу адам, жыйырма жылга соттолгон күнөөкөр.

- Корккондо эмне кылабыз, күндө болбосо дагы кээ күндөрү түнкүсүн бирден койлор жоголуп жатат имиш, чийки жейби? - деди Мустафа.

- Эми ким билет, коркутуп же зыян кылышы мүмкүн, - деп Аман айтканда Бегимай:

- Балдарды таштап баса бердиңби? - деди корккон түрдө.

- Карап тургула дедим, эмнеге келишти деп келдим да.

- Кой бар балдарга.

- Мейли анда, силер чай ичкиле, мен кетейин,- деп Мустафа шашыла чыгып кетти, ал чыныда балдарынан коркуп турган. Андан кийин баары жапырт кетишти, кой короолорду кыдырышмак, эскертип коркунучтан сактамак, он чакты короо жакын-жакын жайланышкан эле, качкын дал ушул аймакта деген маалыматтан улам аны кармоо үчүн он чакты милиция келишкен, артынан дагы келишмек, алар формасыз жөнөкөй кийинип алып тоо-түздү аралап эки-экиден бөлүнүп издөөдө. Амандын эси дарты эле Бегимайда болгону менен эч бир мүмкүнчүлүк болбоду. Бир күнү жанындагы Болотту алардын үйүнө жөнөттү, ал келсе Мустафа эки кою жайыттан жоголуп кетип издеп кеткен экен, ошондон пайдаланып:

- Эже, сизди Аман аке күтүп жатат, - деди Болот акырын.

- Кайда?

- Суунун боюнда.

- Азыр, - деген Бегимай Канатка кызын дайындап, - Мен атаңдан кабар алып келейин, Самат дагы эмне болду? - деди домиктен чыгып жөнөдү, аны күтүп турган Аман утурлай жетип эле кучактап калды:

- Бегимим менин, жан жыргалым, дүйнөдөгү бактым, көрүнбөгөн бакытым, - Бооруна кысып кумарлуу жыттап алды, - Сагынычым...

- Мен дагы сени сагындым Аман...

- Тагдыр ушундай тура.

- Аргасызбыз ээ?

- Албетте, эки чоң өлкөнү кошуу мүмкүн эмес.

- Кантебиз, көнбөгөндө аргабыз канча?

- Сагынычым, арманым бактым дагы сенсиң Бегим.

- Менин дагы, сени сагынып буулугуп ыйлайм, тагдырыма таарынам, кайдадыр безип кетким келет, баарына кол шилтеп коюп жер кезип кетким келет, сенсиз менин ар күнүм азап менен өтөт, балдарымды гана кубат кылып жашаганым болбосо калганы бүдөмүк...

- Биз Зейнеп менен Күкүк болдук жаным.

- Ошого дагы шүгүр, - Бегимай көз жашын сүрттү, - Канча турасыңар?

- Качкынды кармаганча.

- Кармай аласыңарбы?

- Буйруса дейли.

- Сак бол Аман.

- Өзүң дагы, - Экөө кучакташып отуруп көк майсаң чөп үстүнө кулашты, бири-бирин чалкыган деңизге салып тумчуктуруп, заңкайган тоо башына чыгарып дене балкытып, махабаттын туу чокусуна чыгышты, төбөдө ай каалгып бул эки адамга жакшылык каалагандай улам бир булуттун арасына жашынып, кайра-кайра көрүнүп калып жатты.

- Мен кетпесем болбойт.

- Ооба, кетишиң керек, түбөлүк жанымда болсоң гана атаганат.

- Ушуга дагы шүгүр кылалы.

- - Туура айтасың, Мустафа келип калды го? - Бегимай кийимин оңдоп, жоолугун салынып өйдө болду, - Кетейин, жакшы бар.

- Жеткирип коем.

- Байкап калбасын.

- Алыстан калып калам, - Экөө кол кармаша кетип жатышты, алар чатырдын карааны көрүнгөндө эки бөлүнүштү, Бегимай шып этип чатырга киргенде Мустафалар келе элек экен.

- Эмне болушту, караңгыда таба албай келдим.

- Келип калышат апа, жата берелиби? - деди Канат, ошол кезде аттын дүбүртү угулуп калды.

- Келдиңерби? - деп Бегимай чыга калды.

- Келдик, кайдан дайын жок.

- Эмне болду экен, койчуларга кошулуп кетпедиби?

- Ким билсин, кардыбыз ачты, тамагың барбы? - дегенде жүрөгү болк этип алды, анткени жасай элек болчу, жоопсуз ичке кирип казанын эми аса коеюн десе ысык тамак бар экен, Канат даярдап койгон этти кууруп тамак жасап ичип анан коюп койгон эле, "өх", - деп алды да дасторконун жайып Самат менен Мустафа киргенче даярдай койду.

- Өз, чарчадык балам экөөбүз.

- Ит куш жебеди бекен?

- Тарпы табылат эле да.

- Эми эмне кылабыз, төлөтөт да.

- Көрөбүз да, - Мустафа тамак ичип алып чечинбей эле жатып калды, чынында мал түйшүгү оңой эмес, болгондо дагы жоопкерчилиги чоң, жоголсо же өлсө төлөйт, айлыгынан кармайт, ошону ойлонуп Мустафа кыжаалат болуп жаткан, быйыл Самат аскерге кетет, өткөндө эле чакыруу алган, андан кийин Канаты, Болоту бой жетип келе жатат, Саамай быйыл онунчуда окуп жатат, андан кийинки кызы дагы чоңоюп калды. Гүлмайрамды бир жыл мурун күйөөгө беришкен, анын себин Батма өзү даярдап берген, Саамай азыр анын колунда, төрт баланы мектепке окутуп, баш көз болуп үйүндө. Аман ошол күнү өзүнчө бактылуу болуп келип жатып калды: "Ушундай экен да, тагдырдын тамашасы, бир тарапта өмүрлүк жарым, бир дагы жолу көз карашта боло албадым, эркектик милдетимди аткарам деп балдардын атасы болдум, экинчи жагымда жанымдан артык көргөн жашоомдун жарыгы, мен Бегимай үчүн гана жашап жүргөндөймүн", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Качканды кармоо оңой эмес эле, бир күнү бул тоодо болсо, бир күнү башка жакта эле, аны кээ бирөөлөр мылтыкчан экен десе, кай бири эптеп эле жашап жүрүптүр, жүдөп калыптыр, үңкүрү бар экен дешип айтып калышат. Он чакты күн жүрүп эч кандай жик таба албаган соң кайра кетмек болушту, акыркы жолу бир жолугуп алганы Болотту жиберди эле Мустафа.

- Иним, чогууңар менен келип конок болуп кеткиле, - деди - Таарынып кетпегиле, башкалар сыйлап булар тоготподу деп.

- Жо-ок аке, биз эртең кеткени жатабыз.

- Андай болсо азыр келгиле, мен даярдай коеюн.

- Жарайт, начальникке айтайын, - деди да Болот артына кайрылды, аны күтүп турган Аман четтей басты.

- Сүйлөшө алдыңбы?

- Жок, күйөөсү бизди конокко чакырды.

- Койчу?

- Чын эле, келип калгыла деди.

- Экөөбүздүбү?

- Чогуу.

- Аа-а, - деп эми түшүндү Аман, алар барганда козунун эти кайнап калган экен, ошол күнү Бегимай ооруп турам деп көңүлү жок болчу, конок чакырба деп Мустафага айткан эле, бирок ал болбой койгон, башы айланып жүрөгү ооруп жатып эптеп тамакты тарткандан кийин эми бата кылып колго суу куюлуп жатканда Бегимай босогону аттап бара жатып жыгылып түштү, баары коркуп кетишти, үйгө алып кирип жаткырып эсине келтире алышпай түндөп аны алып жөнөштү, жанына кызын кошуп берди Мустафа. Аны түн бир оокумда ооруканага алып келип жаткырышты. Врач көрүп:

- Жүрөктөн приступ болуптур, - деди, - Дагы жеңил өтүптүр болбосо...

- Эмне болбосо? - Аман врачты суроолуу карады.

- Мындай учурда эки-үч саат жол жүрүп келгиче өлүп калуу мүмкүн.

- Жакшылап караңыз аке, сөзсүз сакайышы керек, - деди Аман.

- Биз жакшы эле карайбыз, ооруканага түшкөн оорулууларга биздин колубуздан келген аракетти жасоого милдеттүүбүз.

- Рахмат, ошентсе да...

- Эмнең болот жигит?

- Менинби? - Аман жооп таппай калды.

- Макул, кимиң болсо дагы адам баласына жоопкерчилигиң.

- Рахмат, койчуларга барган элек, анан...

- Буйруса эртең баш көтөрүп калат, көп ойлонгондон жүрөк ооруга кабылыптыр, жакшылап дарыланса сакайып кетет, - деген врач ары карай басты, Аман Бегимай жаткан палатага баш бакты, ал уколдон кийин көзүн ачып жаткан, жаңы эле өзүнө келген эле:

- Бегим, акыбалың кандай? - Аман келип бетинен өөп жанына отурду.

- Силер алып келдиңерби?

- Ооба, кантип ошол абалда таштамак элек?

- Жүрөгүм эле мыкчылып ооруп турду эле...

- Көп ойлонбочу алтыным, балдарыңдын чайын ич.

- Рахмат, - Бегимай күлүмсүрөп койду, отуз жети, отуз сегиздерге келип калса дагы көздөрү баягысындай эле, болгону баягы кара чачтарына ак аралап бара жатканын байкады Аман: "Аттиң, - деп алды көңүл түпкүрүндө, бизди неге жараткан кошподу экен, же жолуктурбай койгондо эмне, минтип эки жакта кыйноо тартпай кубаныч кайгыбызга тең орток болбойт белек", - деп эртеңки күнү эле жанына ээн-эркин отура албасын билгенде жүрөгү ачышып, заманасы куурулуп кетти.

- Өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы?

- Ооба, жакшы элемин.

- Тим койсоңор болмок, эс алып калат элем да, эми эртең жолго чыгуума туура келет, - деди Бегимай кабак чытый, - Балдарым кыйналат го?

- Кызыңды ала келгенбиз, ал тигил бош бөлмөдө уктап жатат, эртең жеткирип берем апаңа.

- Эмнеге, аны кошуп бердиби?

- Ооба, алар койго кеткенде жалгыз калат деп кошуп берди.

- Ошентет, андан көрө үйдө болсом болмок.

- Сен дарыланбасаң болбойт, жок дегенде бир ай.

- Ким айтты?

- Врач айтты, жүрөктөн приступ бериптир.

- Эс алып калмакмын да, - Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, аңгыча таң атып жерге жарык киргенде Аман Гүлзаданы таенесине таштап үйүнө кетти. Батма тамагын жасап алып ооруканага келди, ал келгенде капельница алып жаткан, күтүп отуруп анан кирди:

- Эмне болуп кетти кызым?

- Өзүм дагы билбейм.

- Кудай сактасын кызым, үч жылдан бери тоо-ташта жүрүп кыйналдыңбы, койду өткөрүп берсеңер кантет кызым?

- Мустафа болбойт го апа.

- Сен минтип оруп турсаң болбой эмне...

- Ал такыр эле малдан бөлүнгүсү келбейт.

- Эмне деди доктурлар?

- Жүрөк оору жаңы башталган дейт, бир айдай дарылансаң жакшы болуп кетесиң деди апа, коркпой эле койчу, анын үстүнө балдар дагы чоңойду, аларды окутушубуз керек, Гүлүмдүн дагы себин бере элекпиз апа, анан койду таштап кантип оокат кылмак элек? - деди Бегимай ойлуу.

- Өлбөстөй оокат турат го, үч ай бар, жандыктар деле кудайга шүгүр, балдарыңдын акчасы, менин пенсиям жетет эле, - деп Батма эне кызын аяп турду, бирок ашыкча сөз да айтпады, Мустафа малды таштамак эмес, койлору семиз, жылда козуну ашыкча ала баштаган, жүнү дагы жакшы, айлыгы кошумча сыйлыктары андан, кантип мындайдан кеткиси келсин. Алардын убайын Батма деле көрүп жатпайбы, жайы-кышы эт майдан өксүбөйт, балдары болсо каалагандай кийип-ичип жатат.

- Апа, кыжаалат болбо, Мустафа малды жакшы багат, ошонун арты менен жакшы жашоого жете алдык апа, эми-и сен деле бизди эчтекеден кем кылган жоксуң дечи, бирок сегиз бала оңой эмес экен, ар бирине өзүнчө мамиле кылып, каалаганын алып бербесек болбойт, - деп Батма унчукпай калганда Бегимай ага кайрылды, - Балдар кыйнаган жокпу?

- Жо-ок, мага алар эрмек да кагылайын.

- Кыйналып калабы деп эле ойлоно берем.

- Ошолоруң аман болсун, мен сенин канатың жайылганын гана кудайдан тилеп отурбайынбы, ошол үчүн жашап жүрөм кызым, сен минтип очор-бачар болгонго кубаттанып калбадымбы, болбосо ким билет эле? - Батма үшкүрүп ийди, - Эми мен барайын кызым.

- Бара бер эми, менден кабатыр болбо, жакшы элемин, болгону ушундайда жакшылап дарыланып алганың оң дейт врач, - деп Бегимай жылмая узатып калды. Батма кетээри менен эле Аман кирди.

- Бегим кандай? - Эңкейип эки бетинен өптү.

- Жакшы, убара болупсуң го?

- Сен үчүн болгон убарачылык да кеппи?

- Рахмат, мени сыйлаганыңа.

- Дүйнөдө ата-энемден кийин балдарым, анан сенсиң секет, ушуну эсиңден чыгарба, - деп сөөмөйүн чычайта күлдү.

- Сагынаарым, саргаярым жалгыз сенсиң ардагым...

- Во-во, дал мен ырдай турган ыр экен, - Экөө тамашалашып анан үн катпай калышты, күлүп гана жатышкан.

- Бул жерге келгениңди бирөө жарым көрүп калбасын, - деди Бегимай көптөн кийин, - Үй-бүлөөңө жетип калса.

- Ким териштирип жүрмөк эле?

- Ишениш жок, сак бол.

- Сен үчүн баарына баш байлаганмын.

- Ыраспы? - Бегимай жылмайып карап ойлуу, - Ошентебиз, бирок жашоодо биз бирикчү жолдор эбак жабылган, менин сегиз балам, сенин беш балаң биздин дүйнө мүлкүбүз, ошолор үчүн биз сүйүүбүздү курман кылуубуз керек, сенин балдарың үчүн өз ата-энеси кымбат, меники өзүнө кымбат Аман.

- Туура айтасың, - Аман керебеттин этегине отура терең дем алып, - Биздин өмүр өксүктө өтөт го, биз өзүбүз үчүн дагы жашообуз керек эле, - деди.

- Аргасыз, алсыз пендебиз, алланын буйругуна каршы чыга албайбыз.

- Аның туура алтыным...

- Эми келе бербе.

- Неге?

- Эл деген буту менен эмес оозу менен басат.

- Ушактан коркосуңбу?

- Коркпойм, өзүмдү сыйлагым келет.

- Алда жаркыным ай! - деп алды Аман, ошондон кийин ал түндөсү келип жүрдү, экөө ак ичинде көпкө чейин отурушат, анан эки бөлүнүшөт, чыныгы ак сүйүү десе болоор булардын сүйүүсүн, он-он беш күндөй болгондо Мустафа келип көрүп алып кыйналып жатканын айтып кейип-кепчип жатканынан Бегимай суранып чыгып кетти. Кетээрде врач ага бир топ дарыларды берди...

Арзуу турмушка чыккандан кийин дагы жалгыздап көчөгө чыкканда элеңдеп коркуп жүрдү: "Кокус жолугуп калса элден коркуп же уялып койбой сүйрөп жөнөйт го", - деген күдүк ой кетпейт. Жанболот абдан жакшы, Арзуунун көңүлүнө карап турат, экөө ээрчишип конокко барышат, кайра жетелешип келишет, бул жашоодо менин дагы жакшы күндү көрөөрүм бар экен деп Арзуу кубана аллага алкоосун миң ирээт айтып жүргөн кези. Апасына баргысы келсе ээрчишип барып келишет, үйлөнгөндө бир-эки ай кайнатасынын үйүндө жүрүштү, анан кайра эле шаарга келип экөө тең бирге иштеп калышты, бирге иштешкендер менен ынтымактуу, ээрчишип келип кетишет, ошол учурда алар батирде турушчу, жумуштан келсе Жанболоттун аялы Айсулуу күтүп туруптур, колтукташкан эки жаш эч нерседен капарсыз өз батирине кирмек болуп кулпуну ачып жатканда кыска юбка кийген, кофтасы бузгальтерден айрымасы жок ачык, көздөрүнүн тегереги аябай боелгон, чачтарын тармалдатып жайып алган Айсулуу басып келди:

- Кандайсың Жан? - деп бийик такасын көтөрө Жанболотту өөп учурашып калды, Арзуу унчукпай карап туруп кирип кетти.

- Сен кайдан, эмнеге келдиң? - деди Жанболот.

- Жан, биз сага келдик, Артур экөөбүз.

- Сен мага мурда эле айтпадың беле?

- Эмне деп?

- Апам эми бизди жашатпайт деп, Артурду көрсөтпөй койдуңар эле го? Артурду көрөсүңбү? - деп колтуктаганда Жанболот анын жетегинде анын унаасын көздөй жөнөдү, Арзуу жаман акыбалда калып батирге кирип кетти, жүрөгү тыз-тыз этип эмне кылаарын билбей бөлмө ичинде ары бери басып жатты.

- Артур, балам кандай чоңойду-бу? - деп Жанболот үчтөн төрткө караган уулун колуна алып өөп калды, - Мени сагындыңбы уулум?

- Ооба-а.

- Жан, жүрү ресторандан тамактанып келебиз, - деди Айсулуу ага колун арта, - Мен дагы сени сагындым.

- Айсулуу, менин үйлөнгөнүмдү уккансың, мен сени менен кетип калсам болбойт, ал деле адам да, - Жанболот анын колун ийининен алды, - Мага баламды көрсөтүп турсаң болду, сен дагы бактыңды тап, - деди да Артурду унаанын отургучуна отургузду.

- Жан, эмнеге андай дейсиң, биз бири-бирибизди сүйөбүз го?

- Аны апаңдан сура, мен өмүр бою басынып жүрүп жашагым келбейт, - деди Жанболот.

- Мамама өчөшкөнүңбү?

- Канча күттүм, сен дагы апаң тараптык болуп туруп алдың.

- Кечирип кой Жан, мен баламды башкага кор кылгым келбейт.

- Аны мурун ойлоп апаңды укпай жашашың керек болчу, кой эми баргыла, мен жумуштан чарчап келдим, эс алуум керек, - деп кетмек болду эле Айсулуу анын алдын тосту:

- Аны менен ажырашасың, болбосо мен силерди жашатпайм!

- Аны менен эмнеге ажырашам, ал бай болбосо дагы жүрөгү мээримге бай, пейили таза, мен байлыгын бетине кармагандардан көңүлүм калган, - деп басып кетти, Айсулуу томсоро саамга турду да унаасына отуруп кетип калды:

- Аялың эмнеге келиптир? - деди жай гана Арзуу.

- Баланы көрсөткөнү келиптир, апасынан жашырынып келсе керек.- Аа-а, - деп тим болду Арзуу, Жанболоттун сабыры суз болуп Арзуу тамак жасаганча жатып алды, тамак бышканда аны ойготуп экөө отуруп тамактанышты, ошондон баштап Жанболот мурдагыдай болбой калды. Жумушта дагы, үйүндө дагы бир калыпта, көп сүйлөбөйт, Арзуу муну Айсулуунун келип кеткенине жоруйт: "Эмне деди экен, мынчалык ойго салгыдай кандай сөз-кеп болду, эмнеге мынча ойго батат", - деп ойлогон Арзуу:

- Жанболот, эмнеге ой басып калдың? - деди бир күнү төшөктө жатканда.

- Эчтеке, жатып укта, - деп бурулуп кетти.

- Аялың келгенден кийин эле көңүлүң бузулду...

- Жаман ой ойлобо, баары жакшы болот.

- Сен түнөрүп турсаң мага кыйын экен да.

- Сары санаа болбо, мен жаныңда жатамын, укта эми, - Жанболот ушинтип койгон соң Арзуу унчукпай калды, ошондон эки-үч күн өткөндө Арзууну бир келин чакырып чыкты:

- Бул катты сага берип кой деди эле.

- Ким? - Арзуунун жүрөгү болк этип Иманбекти эстеди, шаша ажатканага барып ачып караса: "Сен Жанболоттон өз каалооң менен кетпесең өмүрүң менен коштошосуң", - деген жазуу, аты-жөнү жок, жүрөгү түрс-түрс этип көпкө отуруп калды, аңгыча кезек күткөн бирөө тыкылдатканда гана чыгып жумушуна кирди, баары иштеп жатышат, Жанболот деле ордунда, унчукпай ордуна отурду да иштей албай кыйнала берди: "Демек Жанболотко дагы бирдеме деген, ал мени капа кылгысы келбей жүргөн го", - деп ойлонуп жатты, кечинде жууштан чыгып батирине келип чай ичип жатканда:

- Арзуу, сага эмне болгон? - деди Жанболот.

- Эмне болуптур?

- Өңүң кызык болуп турат го?

- Билбейм, жакшы элемин.

- Ооруп турган жоксуңбу? - деп чекесин басып көрдү, ошол кезде эшиги тык-тык этип калды, Жанболот ачып, - Ким керек? - деди эле ал:

- Сизди бир киши чакырып жатат, - деди да басып кетти, Жанболот сыртка чыгып ары-бери караса эч ким көрүнбөдү, анын эле Айсулуу пайда болду.

- Кандайсың Жан? - Эч нерсе болбогондой чоп эттире өөп алды, - Мен сага келдим.

- Эмнеге, биздин сүйлөшө турган сөзүбүз жок.

- Эң сонун бар да Жан, Артур экөөбүздүкү болгон соң.

- Артурду бетиңе кармаба, бир кезде апаңды ээрчип басып кетпедиң беле, эми эмнеге жашоомо тоскоол болуп жатасың?

- Мен эчтеке кылган жокмун, болгону сага жолукканы келдим, - Айсулуу чоектой сүйлөдү, - Же эмне аялыңды ошончолук катуу сүйүп калгансыңбы?

- Ооба, эки жыл бою сени күттүм, жашайлы деп жалдырадым, ошондо терс бурулуп апаңдын сөзүн сүйлөгөнчө мени менен кетпейт белең?

- Мамамдын ачуусунан корктум Жан, я ее единственная дочь Жан! - Эркелегендей эки колун ийинине коюп тикелеше көздөрүнө көзүн кадады, - Ты знаеш, я тебя очень люблю!

- Калп, эгерде сүйсөң таштабайт болчусуң, - Колдорун ийининен алып түртүп ийди, - Мени менен ойногуң келип жатабы же үйүмдү атайылап бузгуң келеби?

- Жан ну пойми меня!

- Жогол, апаңды ээрчитип кел, ошондо ишенем.

- Чын элеби? - Айсулуу кубанып кетип дагы өөп алды, ал жөн гана аны ойнотуп жаткан болчу, жигити экөө иштеген жерин таап алып Арзууга кат таштап, кечкисин өзү минтип Жанболотту эрмектеп жүргөн эле, Жанболот чыгып эле жоголуп кеткенинен Арзуу чыгып келе жатып алардын акыркы сөзүн угуп калды: "Демек кайненеси макул болсо табышып жашаганга ою бар экен да", - деп көңүлү чөгүп батирге кирип жатып алды, Жанболот эчтекеден капарсыз Айсулууга боору ооруп: "Эмнеге үйлөнө калдым экен, дагы бир аз күтсөм жарашат элек го", - деп ойлонуп батирин көздөй басканда Айсулуу унаасы менен бара жатып жолдон жигитин жанына отургузду:

- Баары окей! - деп койду Айсулуу ага каткыра.

- Ишенип калдыбы?

- Конечно! - Айсулуу ойлонуп калды: "Андай болсо апаңды ээрчитип кел", - дегенин эстеп. - Мамам менин мындайымды билсе өлтүрөт, - деди.

- Айсулуу, сен күйөөңдү өзүң сүйөт окшойсуң, болбосо...

- Эмне болбосо?

- Аларды ажыратканда эмне... Кайра жарашасыңбы?

- Кызганып жатасыңбы?

- Албетте, мен сени жакшы көрөм.

- Молчу, извини дорогой.

- Ладно, - Марат унчукпай калды, ал Айсулуунун жалгыз кыз экенин билген соң жабышып сүйбөсө дагы сүйөм деп жүргөн эле, күндө аны менен жүрсө карды ток, ресторандан тамактанышат, сейилдешет анын баары Айсулуунун чөнтөгүнөн болот. Жанболотко барганда алыстан карап туруп күйөөсүн өпкөнүнө жини келчү болду, эми жолдо бара жатып унчукпай калганда Айсулуу:

- Эмнеге унчукпай калдың? - деди.

- Сени ойлонуп жатам, күйөөңдү дагы эле сүйөт экенсиң, өзүң эле өөп жаттың го?

- Ты что, ревнуеш?

- Да-а, сени сүйгөн адамы катары кызганып жатам да, кыскасы сага таарындым Айсулуу.

- Эмне оюнду токтотолубу?

- Токтотуш керек, жашай беришсин.

- Жарайт, - Айсулуу күлүп калды, - Кайда барабыз?

- Сен айт.

- Эмесе мен үйгө барайын, эки күндөн бери сени менен болуп жатам, Артурчик апамды кыйнады го, сени жеткирип салайынбы?

- Жок, өзүм эле кетип калам.

- Макул анда, пока! - деп Маратты түшүрдү да ызылдата айдап кетти.

- Эн-неңди жалап, - деп алды Марат, - Колума тийсең энчиңди гана колуңа берет элем, - деди да жолуна түштү, Айсулуу үйүнө келип эле баласынын бөлмөсүнө кирсе ал уктап калыптыр, кайра чыгып келе жатканда Разия алдынан чыкты:

- Кайда жүрөсүң ыя?

- Ну ма...

- Уялсаң боло, бүгүн үйгө сени көргөнү коноктор келди, күтүп-күтүп отуруп ктеишти, кайда жүрөсүң деги?

- Мама, мага аларыңдын кереги жок!

- Эмнеге, алар деген абдан жакшы турушат, Дордойдо, Ош базарда, Аламидинде контейнерлери бар, колунда бар адамдар.

- Алардын барынын мага кереги эмне мама?

- Сенин келечегиңди ойлонуп жатам.

- Корочье менин жигитим бар, ага макул болбосоң кайра Жанболотко кетип калам! - деди да үстүңкү кабаттагы бөлмөсүнө чыгып кетти.

- Айсулуу, Айсулуу дейм! - деп Разия калып калды, - Деги эмне кылсам экен бул кызды, бактылуу өмүр сүрсүн десе муну кара, өзүн-өзү билгенин кара, - деп сүйлөнүп жатканда үй кызматчысы келди:

- Тамак даяр Разия эже.

- Тамагың өзүңө буйрусун! - деп Разия булкуна өйдөгө көтөрүлүп Айсулуунун каалгасын тыкылдатты, - Айсулуу, жан кызым мени уксаң, ач эшикти сүйлөшөлү.

- Кереги жок мама, менин эч кимди көргүм келбейт.

- кызым, мени түшүнсөң боло, - дегенде эшикти ачып жиберди эле Разия жыгылып кете жаздады, жөлөнүп алган эле.

- Апа, сен мени өзүм сүйгөн адамдан ажыраттың, эми мага сүйлөөчү болбо, эч кимге чыкпайм, минте берсең бир бомжду алып келип киргизип алам! - деди да кайра жаап алды.

- Кыз-зым, - деген Разия каалганын түбүнө жөлөнө отуруп алып ыйлап жатты, - жалгызым... Аны сезген дагы жок Айсулуу, ал апасына өчөшкөн эле, Жанболотту азыр дагы сүйөт, кайнене-кайнатасы деле жакшы болчу, ал азыр жатып алып ыйлап жатты: "Менин энем мага бакыт каалайт имиш, мен Жанболот менен гана бактылуу болмокмун, Артурду атасыз калтырды, Марат мени эмес байлыгымды сүйөт, эң сонун эле билип турам, Жанболоттон башкага мен эч качан тийбейм", - деп ойлонуп Маратты пайдаланмак болгон. Анын бүгүн айтканына жини келди: "Акмак сени эр кылгандан көрө чындап эле көп бомждун биринин багын ачып эр кылып албайынбы, сообуна да калам", - деп кыжыры келип жатып Маратты дагы пайдаланмак болду. Эртеси Маратты жашаган жеринен алып кетти, экөө мындай жылгандан кийин:

- Марат, сен мени тыңды, - деди Айсулуу, - Сага акча керекпи?

- Кандай акча?

- Жан менен аялын ажыратуу үчүн оюн ойносоң мен сага акча берем.

- Канча?

- Иш бүткөнчө беш миң, бүткөндөн кийин беш миң.

- Бул сенин оюнуңбу же чыныңбы?

- Чыным, аларды ажыраштырам.

- Кайра тиесиңби?

- Көрөбүз, макулсуңбу жокпу?

- Акчасы жок эле ойноп берем, - деп кыңырылды Марат.

- Кеттик анда, мына муну дагы бересиң, бүгүн чакыртпай өзү чыккан кезде алдынан чык жарайбы?

- Жарайт.

- Азамат, - Айсулуу аны кытмырлуу жылмайып карап койду.

- Бүгүн бирге болобузбу?

- Жок, үйгө эрте баруум керек, балам апамды кыйнап жатыптыр.

- Мейли, мен сенин койнуңду сагындым Айсулуу.

- Шашылба, али жанымда жүрөсүң го? - Айсулуу көңүлсүз айтты муну, бирок Марат дагы оңой эмес эле, анын өзүн жөн гана убактылуу кол жоолуктай ойнотуп жүргөнүн сезип турду, бул жолу Айсулуу катты берип Арзуу иштеген ателдин жанына токтоп калды, Марат шыпылдай ателге кирип кетти, унаа көрүнбөй калганда катты ачып окуду: "Эгерде өз эркиң менен тынч кетип калбасаң жашоодон үмүтүңдү үз", - деп коюптур, катты туурап урнага салып коюп көпкө туруп анан кайра келди.

- Бүттү, - деди отуруп жатып.

- Азамат, бул сенин кызматың үчүн, - деп Айсулуу ага миң сомдуктарды сунду, - Керегиңе жарат.

- Айсулуу, сен үчүн бекер эле иштейм, бирок сен меники болушуң керек.

- Аны көрө жатаарбыз, - Унаасын айдап жөнөдү, акчаны Мараттын чөнтөгүнө кыстарып койгон, - Мен үйгө баруум керек Марат.

- Жарайт, мен бул жерде калам.

- Давай көрүшкөнчө, - деди да жүрүп кетти, Марат ага жини келди, анан бекерчи эки-үч досун издеп тапты да сүйлөшүп жатты: "Мен Жанболотун жок кылбасам мага тийбейт", - деп ойлонуп кечинде ал жашаган батирге келип чакыртып жиберип караңгы далдоодо күтүп турду. Жаңы эле жумуштан келип чай ичип отурушкан, коңшуларынын бири айтканда дароо эле экөө тең Айсулуу экен деп ичтеринен ойлошту, Жанболот унчукпай чыгып эки жакшы карап Айсулуунун унаасын көрө албай: "Алыс токтоткон го", - деген ойдо арыраак басканда Марат аны желкесинен ала караңгылыкка тартып кетти, үчөө-төртөөлөп тепкилеп жатканда Жанболоттун кыйкырыгын угуп ар жак, бер жактан эл барып калып тигилер качып кетишти, мурду башы канжалап кирген Жанболотту көргөн Арзуу чоочуп тура калды:

- Эмне болду?

- Ким экенин билбейм атайын чакыртышкан экен, - Онтолой кийимин чечип жуунуп которунду, - Байкабай калбадымбы.

- Мен аялың чакырган го дедим эле...

- Мен дагы, - деп алып Жанболот кайра Арзууга карады, - Сен кайдан билесиң?

- Күндө болбосо дагы келип жатат го?

- Ооба, бул дагы ошонун колунан келди, - деп жини менен оюндагысын айтып алды, Арзуу үндөгөн жок, бир аздан соң эшикке чыгып кетип коңшунун үй телефонунан чалып алууну өтүндү эле каршы болбоду, тааныш номерди терип трубканы кулагына тосту, - Ало-о, Айсулуу сен мени өлтүргүң келеби, эмнеге мага киши жалдап жөнөтөсүң, менин сага эмне зыяным тийди? - деп кыйкырганда Разия эле:

- Ай сен кимсиң? - деди тааныбай.

- Мен Жанболотмун, бир жумадан бери Айсулуу келип мени ажыраш деп жүргөн, бүгүн мен сабатып кетти, чакырыңыз Айсулууну деди эле телефонду коюп койду, Жанболот аз дагы болсо ички бугун чыгарып алганга эс ала түш8үп үй ээсине рахмат айтып кете берди. Арзуу анын кайда кеткенин билбей аң-таң болуп отурганда кайра келди эле:

- Кайда кетип калдың, жүрөктү түшүрүп? - деди.

- Айсулууга чалсам жок, апасы алды эле мени тынч койсун дедим.

- Ошого болобу?

- Эмнеге болбойт экен, болбосо сотко берем.

- Эртең жумушка кантип барасың эми?

- Барам, балдар сабап кетти дейм да, өзүм жакшы элемин го, жатып алмак белем? - Экөө сүйлөшүп отуруп эми жатканда эшик такылдап калды.

- Эми дагы кимиси болуп кетти? - деп Арзуу турмак болду эле Жанболот аны тургузбады:

- Сен жата бер, мен ачайын.

- Этият бол.

- Коркпо, - деп эшикти ачып эле Айсулууну көрүп унчукпай калды:

- Жан, мен сени өлтүрүү үчүн эч кандай киши жалдаган эмесмин.

- Анан ким, менин ашкан байлыгым болбосо, же душманым болбосо караңгыда чакырып алып ким сабайт? - Жанболот ачуулана кыйкырды.

- Жанболот, акырын эл уктап жатат, - деп Арзуу бери жактан үн салды. Айсулуу аны бир карап алып кызганып кетти: "Бул менин коркутканымды тоготкон эмес го, кенебей койнунда жатканын", - деп анын ордунда өзү жатпаганына ичи ачышып апасына жини келип кетти, чынында өзү дагы Жанболотту сүйчү, ошондуктан ыйлагысы келип турду:

- Жан, мен апамдан угуп эле келдим, эгерде ким экенин билсем сага келет белем? - деди ызалуу, - Сен менден көрбө, сага жамандык кылуу оюмда да жок, - дегенде Жанболот артын бир карап алды да:

- Айсулуу, ким болсо дагы акыры билинет, мен эс алышым керек, сен эми бар, - деди эле.

- Макул, мен кеттим, - деп артына бурулуп басып бара жатып кымбат буюму кала бергендей ичи ачыша эчкирип ыйлап жиберди, эшик тарс деп жабылганда унаасына отуруп жөнөдү, үйүнө келип уулунун бөлмөсүнө баш багып бейкапар уктап жатканын карап туруп калды... Жанболот жанына келип жаткандан кийин экөө тең үн катышпай жатып калышты, экөө эки башка ойдо болуп жаткан эле.

- Сенде кимдин өчү бар болушу мүмкүн? - деди Арзуу көптөн кийин.

- Кайдан билдим, башым катып калды.

- Кызык, эмнеси болсо дагы этият бол, - деген Арзуу өзүнө келген билдирүүнү эстеп ордунан турду, халатынын чөнтөгүнөн алып келип, - Бул катты ким жазды анда Жанболот? - деди сунуп.

- Эмне деген кат экен? - Жанболот туруп отуруп аны окуп Арзууну таңгала карады, - качан, кти берди эле?

- Бир жума мурун бир эркек чакырып алып берип кеткен.

- Эмнеге мага айткан жоксуң?

- Мен Иманбек дагы тынчымды алганы калдыбы деп коркуп окуганча ал кетип калыптыр, анан түшүнбөй да калдым.

- Эгерде кол менен жазылса тааныйт элем, демек бул Айсулуунун колунан келген болуш керек, болбосо ким мындай кылмак эле?

- Мен дагы түшүнбөй калдым, мен Иманбектен көрдүм, эмне кылаарымды билбей калганмын, - Арзуу оюндагысын ачык эле айтты, - Аны ушундай жол менен менден өч алганы жаткан экен дегенмин, балким ошол болуп жүрбөсүн?

- Билбейм, аныгын билбей туруп ал же бул дегенибиз туура эмес, ошентип мен Айсулуудан көрүп чалдым го, өзүбүзгө этият болуубуз керек, эми ким чакырса дагы жалгыз барбай байкоо керек, - деди Жанболот ойлуу.

- Мен дагы дароо эле ошондон көрбөдүмбү.

- Андай болбойт жаным, болду уктайлы, эртең жумуш экенин унутпа, - деп кучакташып жатып калышты, бул убакта Айсулуу бөлмөсүндө ыйлап жаткан, ал апасына өчөшүп дагы бир иш кылгысы келип жатты: "Мейли, мен кандай азап чексем ал дагы ошондой кыйналсын. Өзүнүн жалгыз кызынын бактысына балта чапкан кандай болоорун билсин, мага бул өлүү дүйнөсүнүн, байлыгынын эмне кереги бар эле, сүйгөн адамым менен балам болуп жетишпесек да бактылуу жашамакпыз", - деп ойлонуп жатты. Эртеси кеч турду да уулун өөп коюп эчтеке ичпей чыгып кетти, анан жолдо бети башы жарылып, кийими кир болуп сакал муруту өскөн жашы отуз-отуз бештердеги кишинин жанына келди:

- Жүрүңүз мени менен.

- Каякка? - деди ал көзүн жалдырата.

- Баса бер, - деди эле ал анын артынан жөнөдү, мындай немелер кээде ишин жасатып кардын тойгузуп кое берчү, ошондойлордон деп ойлоп унаанын жанына келди, Айсулуу арткы эшигин ачты, - Отуруңуз.

- Иш барбы? - деди дагы тигиге суроолуу.

- Отура бербейсиңби! - дегенде ал отурду, Айсулуу эшикти карс эттирип жаап айдап жөнөдү, үйүнө келсе апасы көрүнбөдү, Катяны көрүп, - апам жокпу? - деди ачуусу келген түрдө.

- Мен бияктамын, эмне болду кызым? - Разия үстүңкү кабаттан чыга үн салды, ошол убакта артынан кирген "бомжду" карады да жооп бербей ээрчитип ваннага киргизип ийди:

- Жуунуп чык. Анан сүйлөшөбүз.

- Ой ал ким, кайда киргизип ийдиң?

- Ал менин күйөөм!

- Эмне?! - Разия ылдый түшүп келе жатып жини келгенин жашырбай, - Сен бу кайдагыны сүйлөп жатасың, акылыңдан айныган жоксуңбу? - деди маңдайына келип.

- Ооба мама, мени сен Жанболоттон ажыратканда эле акылымдан айныгам, мындан ары бул менин күйөөм болот, сенин мага деген байлыгың ошол экөөбүздүкү болот!

- Айсулуу!

- Эмнени уксаңыз ошол! - деди дагы душтун оозуна жаңы костюм шым менен бир сыйра кийимди алып барды, - Буларды кийинип чык, - деп үн салды ичкериге карай үн салып.

- Жинди болбо Айсулуу!

- Мени баламдын атасынан ажыратып жинди кылгансың апа.

- Кызым, мен сенин бактың үчүн.

- Бактым үчүнбү, менин бактымды ойлогонуң ошолбу? - деп жатканда ванна тараптан келишкен жигиттин келе жатканын көрүп экөө тең туруп калышты, бетиндеги жаракаларды эске албаганда кырдач мурун кара каш, көздөрү бакырайган кирпиги узун ак жуумал жигит турган эле, сакал мурутун да алып коюптур?

- Айтканыңды аткарайын... - деди ал саал тартынып.

- Шашпаңыз, - деп Айсулуу аны ары карай колтуктап басты, Разия дел боло үн ката албай тура берди, алар ваннанын ары жагындагы бөлмөгө кирип кеткенде да кыймылдай алган жок, анткени ал оюн топтой албай шок болуп калган эле.

- Мени эмнеге алып келгениңизге таңмын, сизге ыраазымын, сообума калдыңыз, - деп башын жерге салганда Айсулуу:

- Атыңыз ким? - деди.

- Алтынбек.

- Мен Айсулуу, бүгүндөн тартып сен менин күйөөмдүн ролун аткарасың, ал үчүн сага төлөп берем, бирок түнкүсүн бир бөлмөдө башка-башка жатабыз.

- Ошол элеби?

- Азырынча ошол, мага аялың катары мамиле кыласың жарайбы? - Айсулуу анын көздөрүнө карап карегин дароо тартып алды: "Өзү татынакай эле жигит экен, эмнеге ушул абалга келди", - деп терс бурулду да, - Жүрү чай-пай ичели, - деди алдыга түшө. Алар ээрчише чыга келгенде гана уйкудан ойгонгондой:

- Айсулуу, сен мени жинди кыласың, - деди.

- Токтот апа, мен өз тагдырымды өзүм чечем.

- Айсуу, кызым...

- Жетет! - деп үстөлдү бир муштаганда жанында отурган Алтынбек чоочуп кетти:

- Айсуу, - деди ал апасы айткандай атап, - Эмеге дагы ушундай мамиле кылат бекен? - дегенде Айсулуу аны бир карап алды, анын жүзүндө эч арам ой жок чын дилинен айтып жатканын сезди, көздөрүн ылдый кылса кыздардай болуп кирпиги төгүлүп турганын көрүп: "Деги бул адамды кайдан алып келдим эле, Жанболотту кайрып алам деген ой менен апама өчөшөм деп чындап эле бомжга байланып каламбы", - деген ой мээсин аралап өттү.

- Алтынбек, апам экөөбүз ушундай сүйлөшүп көнүп калганбыз, - деди да Разияны карады, - Мен азыр жумуштарым менен кетем апа, Алтынбек менин бөлмөмдө болот, эгерде мен келгенде үйдө болбосо менден кол жууганың, - анан Алтынбекке карады, - Сен жакшылап эс ала бер, мен бир-эки саатта келем, - деп коюп чыгып кетти. Алтынбек алдына келген эттүү тамакты канчалык карды ач болуп турса дагы маданияттуу жеп, ичип алып анан үстүңкү кабатка чыгып бара жатканда Разия Катяга:

- Айсуунун бөлмөсүн көрсөтүп кой, - деди, Катя ага бөлмөнү көрсөтүп кайра келди, - Бул кыз мени жинди кылат, дагы эмнени ойлонуп жатат, эгерде Садыр менен Кадыр билсе соо койбойт, байлыкты талашуудан кайра тартпайт, - деп өзүнчө сүйлөнүп жатты. Айсулуу Алтынбекти дал ошол жүдөгөн бойдон көрсөтүп өч алгысы келген, биринчи эркектин кийимин алып келип коюп анан базарга барган болчу. Маратка кетип жатып: "Алтынбектин кантип мындай абалга келгенин сөзсүз билишим керек, Жанболоттун турмушун бузганым болбойт, Маратка барып эгерде ошол кылган болсо көрсөтөм", - деп ал жашаган жерге келип сигнал басты эле ал көп күттүрбөй эле чыга келди:

- Кандайсың Айсуу?

- Эң сонун, отур.

- Эмне кабагың бүркөө? - Марат отуруп жатып сурады.

- Эч нерсе, сени менен сүйлөшчү сөз бар.

- Кулагым сенде, башкысы күйөөм менен жарашам дей көрбө.

- Андай болсо сага эмне, экөөбүздүн ортобузда эчтеке жок эмеспи .

- Андай дебе Айсуу, менин сага деген сүйүүмчү?

- Калп айтпа, сага кечээги айткан акчаны беремин, - Айсулуу ойлоно ага карап унаасын жайлатты, - Кечинде эмнеге Жанболотту сабаттың, мен сага акчаны ошол үчүн бердим беле? - деп атайын сынай сурады.

- Сен аны дагы эле жакшы көрөсүңбү? - деди Марат суроого жооп берүүнүн ордуна.

- Кеп мындай, мындан ары анын үй-бүлөөсүнө тийишпейсиң, аялына дагы уктуңбу, бул акчаны ал дагы менин жашоомдон да, алардын жашоосунан дагы жоголосуң! - деп дагы миң сомдуктан бешти сунду, - Бул убада боюнча айткан акча, сенин кылганың экенин билем, экинчи ага тийишпе!

- Айсуу...

- Болду түш!

- Мен сени сүйөм.

- Мени менен ойнобо Марат, мен апам айткан күйөөгө чыга турган болдум, ал эми Жанболотко тоскоолдук кылгым келбейт, - деди да унаасын зыр айдап жолго түштү. Марат колундагы миң сомдуктарды тырыштыра кармаган бойдон кала берди, ал Айсулууга жагынып ага үйлөнүп бекер байлыкка ээ болгусу келген, бирок аны буйруган жок, ичи ачыша тура берди... Айсулуу кайра эле үйүнө келсе Разия отурган экен, ага карабай эле өйдө көтөрүлүп бара жатканда:

- Айсуу, сүйлөшсөк болобу? - деди Разия.

- Мама, я устала.

- Мен сенин энеңмин го, убактыңды бөлө албайсыңбы?

- Кечинде, - деп коюп бөлмөсүнө кирсе Алтынбек креслодо уктап жатыптыр, анын өзүнүн спальныйына жатпаганына ичи жылып бутунун учу менен басып ордуна барып чалкасынан жатып алып ойлонуп жатты. Бул кезде Алтынбек ойгонуп кетти, ал жыргап уктаган эле, үч жылдан бери ысык-суукта талаада, ылымта жерде уктап, эптеп-септеп карын тойгузуп алып жүзү граммдан жутуп алып жүрө берип бүгүнкүдөй жыргал жашоону унутуп калган эле...

- Айсуу, сен качан келдиң? - деди көзүн ушалай өйдө болгон Алтынбек.

- Эбак келгенмин, таттуу уйкуңду бузгум келбеди.

- Ойготуп койсоң болмок.

- Кааласаң бир жакка чыгып келели, - деди Айсулуу ага жылмая.

- Өзүң бил, - Алтынбек ийин куушуруп койду.

- Кеттик анда. - деп Айсулуу анын жанына келип костюмун оңдоп, ага окшош галстук такты да, - Абайла, чектен өтмөй жок, - деди.

- Албетте, андай оюм жок Айсуу.

- Азаматсың, - Экөө үстүнөн түшүп келе жатканда Разия карап турган Айсулуу Алтынбекти колтуктап алды, - Кеттик жаным.

- Кайда барасың, деги кыйнадың го?

- Апа, күйөө балаңдын көзүнчө минткениң болбойт, - деди Айсулуу кайрылбай туруп, - Туурабы жаным? - деп күлүп караганда Алтынбектин бүткөн бою тердеп кетти, ал бул кезде түш көрүп жаткандай эле, сыртка чыккандан кийин аны кое берип машинасын ачып отурду, - Кел отур, - деди өзүн карап турган Алтынбекке. Ал отураары менен жөнөп кетишти, бул кезде күн кечтеп калган эле, алар ресторанга келишти, мындайды көрбөгөн Алтынбек саал тартына:

- Айсуу , мунун баары эмне үчүн? - деди жалдырай карап, Айсулуу анын көз карашына туруштук бере албай жүзүн буруп кетти: "Эркекке мынчалык сулуулуктун кереги эмне", - деп ойлонуп алды, ойлонуп кеткенде, - Айсуу, менин тагдырыма байкоосуз кирип келдиң, бирок арты кандай болот, сенин оюнуңдан көрө ошол жапайы жашоом дурус эле, - деди Алтынбек.

- Сен өкүнүп жатасыңбы?

- Ооба, себеби калп оюндан чын жашоо артык.

- Сен андай жашоого ылайык эмес экенсиң, эмнеге бул абалга келгениңди билсем болобу?

- Ал өтө узун жомок, - деди Алтынбек ичип жаткан тамагын кашык менен аралаштыра, - Аны эстөө мен үчүн оор...

- Кечир.

- Эмне үчүн мени күйөөм деп атаганыңдын себебин сен айта аласыңбы? - деди эми Алтынбек тартынбай.

- Айтса болот, - деп койду Айсулуу, Айсулуу ак жуумал, көздөрү кой көз, кашы чийилген, ар дайым боеп жүрөт, кирпиги көрүнбөгөн, мурду кырдач, маңдайы алыс, чачы сарыга боелгон келин, бир караган адамга сулуу көрүнөт, сүйкүмдүү келин, өзүнө жарашыктуу кулк мүнөзү бар, - Апам мени болбой андан ажыратып алды, балам төрткө карады, - деди улутуна.

- Эмнеге күйөөң апаңа жакпады?

- Билбейм, - Айсулуу байлык жөнүндө айтпады, адамдан баарын күтүүгө болот эмеспи, ишенип болбос, анын үстүнө кечээ эле тааныбаган адам эмеспи:

- Күйөөңдү сүйсөң керек?

- Ооба, сүйлөшүп баш кошконбуз.

- Эми кандай кылмаксың?

- Азырынча апамдан өч алуу гана...

- Анан, арты кандай болмокчу, мендей бир бомжду үйүңө киргизип алгандан чочулаган жоксуңбу?

- А сен бомжга окшобойсуң, - Айсулуу күлө карады.

- Болгонмун, мындан бир нече саат мурун эле кардымды тойгузуу үчүн кайсактап жем издеген чымчыктай ар жерге тумшугумду салып, ач карышкырдай шимшилеп жүргөнмүн, анткени үч жылдан бери селсаяк жашоого көнгөн жан болчумун.

- Мен эркин өскөн ээн талаанын чаарчыгындай эрке кыз элем, атам мен кичине кезимде дайынсыз болуп кетти, жакшы биле албайм, апам менден эч нерсесин аябай каалаганымдай багып өстүрдү, анткени атамдан көп байлык калган экен, шаарга келип жанагы үйдү алдык, мен Жанболотко жолугуп турмушка чыктым, анын ата-энеси дагы жаман турчу эмес, эмнеси жакпай калганына түшүнбөдүм, - Айсулуу ойлуу бир жерди теше тиктеп сүйлөп жатты, Алтынбек сөздү бузбай кулак салып турду, - Анан бир күнү анын үйлөнгөнүн угуп кызгандым, ага жашоо бербей бузгум келди, апама айтып ыйладым, урушуп үйдөн баламды алып чыгып кеттим, ага чейин Жанболот келсе дагы жолуктурбай, баланы көрсөтпөй койчу...

- Анан эмне болду?

- Күйөөмө бардым, атайын эле аны сүйөөрүмдү айтып баланы көрсөттүм, ал ага кубанды, бирок үйлөнүп алганын, эми тынч жашагысы келгенин айтты, - Айсулуу улутуна күлө карады, - Анан минтип апамдан өч алгым келди, кыжырын келтиргим келип сени алып келдим...

- Эми кандай кылабыз?

- Оюн ойнойбуз.

- Канчага чейин?

- Канча болсо дагы, бирок айтып коюшум керек, сага акча төлөйм.

- Канча? - Алтынбек жылмая көзүнүн төбөсү менен карады.

- Сен каалаганды.

- Чын элеби? - Күлө карады.

- Ооба, сураганыңды берем.

- А мен көп сурасамчы?

- Мисалы канча?

- Акча менен эмес, бирок кымбат нерсе...

- Кеттик, калган сөздү үйгө барганда, - деген Айсулуу ордунан турду, Алтынбек дагы аны менен ээрчий сыртка чыгып унаага отуруп үйүнө келишти да бөлмөсүнө кирип Алтынбектин жата турган жерин даярдап пижама берди, - Жакшы жат.

- Өзүң дагы.

- Уйкуң келип жатабы?

- Жо-ок, - деди Алтынбек башын көтөрө.

- Балким өзүң жөнүндө айтып берээрсиң?

- Узун түндү кыскарталыбы?

- Жакындан билүү жаман эместир?

- Албетте, - деген Алтынбек унчукпай саамга туруп анан сөзүн баштады, - Мен бир үйдүн жалгыз баласы элем, жети кыздан кийин төрөлүпмүн...

Нурманбет башкарма болуп иштеп жүрүп ооруганына байланыштуу пенсияга чыккан, аялы Тажикан жети кыздан кийин уул төрөп анын Тилекмат деп коюшкан. Жети кызы тең турмушка чыгып түтүн булатып бала-чакалуу, Тилекмат онунчу класста окуйт. Сабактан абдан жакшы, кичи пейил адамгерчиликтүү, акыл-эстүү болуп чоңойду. Тилекматты сүйбөгөн кыз жок эле, аларга сыпайы гана достук мамиледе болуп жакшы мамиле жасайт, мектепти бүткөндөн кийин ал аскерге кетти, бир миң тогуз жүз сексен жетинчи жыл болчу, бат эле аскерден эки жыл мөөнөтүн өтөп келип окууга тапшырмак болгондо Нурманбет:

- Уулум, эми бизди келиндүү кыл, андан соң окуй бересиң, минтип заман да өзгөрүп турат, кандай болуп кетет? - деди уулун олуттуу карап.

- Ооба балам, эми үйлөнбөсөң болбойт, небере жыттап атаң экөөбүз кубанып калалы, - деп Тажикан коштоду.

- Ата, кимге үйлөнөм? - Тилекмат күлүп койду.

- Кыз толуп жатпайбы.

- Мен кыз болсо эле үйлөнө бергим келбейт ата.

- Анан эмне кыласың?

- Өзүмө жаккан кыз табышым керек да, - деп Тилекмат моюн толгой сүйлөдү, - Жакпаса кантип үйлөнмөк элем?

- Тилек, тиги Сабыраалынын кызын байкап көрчү, жакшы эле кыздай көрүнөт, - Тажикан уулун үмүттөнө карады.

- Сажираныбы?

- Билет турбайсыңбы, акыл-эстүү, өңдүү-түстүү кыз.

- Болбойт апа.

- Анда тиги Эрмекбайдын кызычы?

- Ал дагы болбойт, быйыл окууга тапшырып өтүп калсам окуп алайын, өтпөй калсам үйлөнөм.

- Шаардык чолок этектерден алып келе көрбө, - деди Нурманбет.

- Чолок этек деле айылда өсүп чоңойгон кыздар да ата.

- Мейли балам, азырынча ал-күчүбүз бар, окусаң окуп ал, - Нурманбет уулуна кайрылды, - Анан байкап көрөөрсүң.

- Макул апа, - Тилекмат кубанып кетти, көп өтпөй эле мединститутка тапшырып өтүп кетти, ошентип студент болуп калды, ата-энесине бир күнү барып сүйүнчүлөп, кийим-кечесин алып кайра тартты, азаман өзгөрүлүп Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп президент шайланып, окуу-жайлардын тарифтери өзгөргөн убак. Тилекматты мындан ары Алтынбек деп атайбыз, анткени ал өзүнүн атын жашырып ошентип алды, себеби ал "Тилекмат деген атты карыган кишиники", - деп ойлоп уялчу. Алтынбек шаарга көнө албай жүргөндө Азеля деген кыз ага жакындап өзү эле сүйлөй берчү болду, ага унчукпай жооп берип коет. Бир күнү ал:

- Алтынбек, бүгүн менин туулган күнүм, конокко кел, мында дарегим бар, - деп төрт бүктөм кагаз берип басып кетти.

- Куттуу болсун, - дегенин укпаганына кызыктай болуп: "Шашма кыз го, чакыра тургандары бардыр, убактысы аз окшойт", - деп кала берди. Ал ошол күнү чычая жасанып, чачын тарап алып дарек боюнча келсе аерде эл көп экен, Азеля өзү улам карап күтүп жаткан экен тозуп алды:

- Туулган күнүң менен Азеля? - Гүлүн сунду.

- Рахмат, кир үйгө.

- Конокторуң көп го?

- Боло берсин, алар атамдардын коногу, меники башка, - деп Азеля аны колунан алып жетелеп заңгыраган кызыл кыштан салынган алты бөлмөлүү үйдүн төр жагына алып кирди, - Мына, менин конокторум бул жакта, - деп күлө отурган кыз-жигиттерге тааныштырды, - Бул менин курсташым, аты Алтынбек, - деп тааныштыргандан кийин аны төргө өткөрдү, Алтынбек отуруп эки жагындагыларга аста көз салды:

- Мен Азелянын бир тууган эжеси болом, - деп узун бойлуу сулуу кыз кирип аларга учурашып чай сунуп калды, Алтынбек канчалык аны карабайын десе да болбой эле андан көзүн ала албай жатты, негедир ал дагы аны караганда көздөрү чагылыша түшүп жатты, туулган күндүн күнөөкөрү Азеляга тостор айтылып жакшы каалоолор арналып, тамактан соң бийге түшүп башташты, Азелянын эжеси дагы алардын арасында, негедир Азеля курсташтарынан Алтынбектен башканы чакырбаптыр, бөлөлөрү, туугандарынын кыздар балдары экен. Азелянын эжеси Аселя пединституттун акыркы курсунун студентти экен, эки кыздын ата-энеси экөө тең кызматчы. Уулу баласы жок болчу, Арзыгул, Асылкүл экөө эле. Алтынбекти бура бастырбай эле бийлеп жатты Азеля, бир кезде Аселя анын жанына келгенде Алтынбек тартынбай эле:

- Сиз менен бийлесем болобу? - деди.

- Эмнеге болбосун, бийге чакырсаңыз даярмын, - деди күлө, Азеля бөлөсү менен бийлеп жаткан болчу, экөө бийлеп жатты, Аселя андан төрт жашка улуу экен, көпкө отуруп анан Алтынбек кетмек болду. Азеля аны узатып коюп кирип кетти, ошентип ошол туулган күндөн кийин Алтынбектин оюнан Аселя кетпей койду. Азеля болсо шылтоолоп эле анын жанынан чыкпайт, жалаң окуусуна гана көңүл буруп ата-энесинин эмгегин актагысы келген жигит ошентип махабат дартына кабылды.

- Алтынбек, сен эмнени ойлонуп жатасың? - деди бир күнү Азеля.

- Эмне болду?

- Мен сүйлөп жатам, сенин оюң башка жакта.

- Эмне дедиң эле?

- Эжемди атам бирөөгө кудалап койду, жакында той болот десем сен укпагандайсың.

- Кимге кудалады? - Ошондо гана Алтынбек ага көңүл бура карады, - Өздөрү сүйлөшүшкөнбү?

- Жо-ок, атамдын досу, баласы дагы кызматта.

- Аселя макул болдубу анан?

- Эжем, ыйлап болбой жатат, ал эле дейсиңби, мага дагы күйөө таап коюптур, - деди Азеля ички дартын жашырбай айтып алгысы келгендей.

- Эмнеге анча шашып...

- Өздөрү сурап жаткан го, атам менен куда болгусу келет экен.

- Кызык, - деп койду Алтынбек, ошол бойдон Алтынбектен ашыкча сөз чыкпагандан кийин Азеля унчукпай көпкө отурду, анткени Алтынбектин оюнун баары Аселяда болчу, - Аселянын тою качан? - деди көптөн кийин Алтынбек.

- Эртең кечинде келип сөйкө салышат.

- Ошончолук эртеби?

- Шаштырып жатыптыр, келинибизди эртерээк киргизип алалы деп.

- Ошондой де...

- Ооба, - деп Азеля аны карады, бирок ал туруп басып кетти, эртеси Алтынбек институттун алдына барып акыркы курстун бөлүмүн сураштырып Аселяны сурады эле аны бир кыз ээрчитип барды. Алтынбекти көрүп эле күлүп учурашты Аселя.

- Кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Ушу, окуп жатам.

- Бошсуңбу?

- Азыр чыгам, сөзүң барбы?

- Мм, - Алтынбек эмне дээрин билбей калды.

- Азыр анда, сыртка чыгалы, сен күтө тур, - Аселя ар жакка барып кайра келди, экөө ээрчише сыртка чыгышты, жанаша басып келе жатканда аларды көргөн студенттер: "Бир туугандар го", - деп кээси ойлосо кээси: "Кандай жарашкан жандар", - деп суктанып турушту.

- Аселя, бир кеп уктум ошол туурабы?

- Кандай сөз? - Аселя таңгала карады.

- Сени күйөөгө беришет тура.

- Ооба, эмне болду?

- Сен аны сүйөсүңбү?

- Анын эмнесин сурайсың? - Аселянын жүзү томсоро түштү.

- Сүйбөсөң каршылык кыл да.

- Сага тиешеси жок, айтаарың ушул беле? - Жини келе түштү.

- Аселя, сен мени түшүнчү, мен... мен сени сүйөөрүмдү айтайын деп...

- Эмне-е? - Аселя аны көзүн алайта карады, - Сүйүү оюнчук топ эме-ес балакай, - Күлө анын көздөрүнө тигилди, - Сен али жашсың, балакайым..

- Мени жаш деп шылдың кылгың барбы? - Намыстана карады.

- Жо-ок, шылдың кылганым жок.

- Анан эмне...

- Экөөбүздүн жолубуз башка-башка, - Аселя кетмек болду.

- Аселя, баары бир мен сени ала качам!

- Ой-ой-оой, чын элеби? - Аселя токтоп калды, бирок негедир ал Алтынбекти көргөндө эле ага тартылып калганын сезбеди.

- Ооба, ала качамын, кел мелдешебиз, - деди Алтынбек ага келип колун сунду.

- Макул, ала кача албасаң эмне кыласың? - Аселя күлүп колун берип ага ичинен таңгалып турганда жанынан салабаттуу аял өтүп бара жатып кызыга карап койду: "Бир тууган болсо керек, абдан окшош экен, кандай адамдын балдары болду экен", - деп ойлонуп өтүп кетти.

- Эчтеке, айткандан кийин аткарам.

- Жарайт, аныңа макул, ата-энең барбы?

- Бар, - деди Алтынбек, - Жети кыздын эң кенжесимин, - дегенде ойлонуп калды.

- Жарайт жигит, алып кетсең сеникимин, ала албасаң капа болбо сүйлөштүкпү?

- Сүйлөштүк, - деп экөө кол алыша коштошуп бөлүнүп кетип бара жатканда артын бир карап колун көтөрүп кайра бурула бергенде бир жеңил машина катуу келе жатып уруп кетти, Аселя аны көрүп жетип барды, башы катуу тийип канжалап жатып калган Алтынбекти ал тез жардам чакырып ооруканага алып барды. Кан көп кетип алсырап жатканда кыздан врач сурады:

- Туугандары барбы, кан бербесе абалы өтө оор.

- Мен билбейм, көрүп калып эле тез жардам чакырдым.

- Анда кандай кылабыз, кан куюу керек, - деп врач ары басып кеткенде Аселя үйүнө чалды эле Азеля алды, - Ало Азеля, сенин курсташың Алтынбекти машина уруп кетип ооруканада, окуу жайга барып кай жерлик экенин тактап билчи, - деди да күтүп отурганда бир-эки сааттан кийин Азеля келип калды.

- Эмне болду, Алтынбек тирүүбү?

- Тирүү, бирок кан куйбаса чатак.

- Кара - Кулжалык болот экен, баарын тактап жазып келдим.

- Анда кишилерден айтып жиберүүбүз керек.

- Алар келгенче качан?

- Анан эмне кылабыз?

- Балким биз кан берсекчи?

- Болобу?

- Врачтан сурап көрөлү, - деди да врачтын кабинетине кирип сүйлөшүп уруксат алып кандын группасын текшертишти, ошондо Аселяныкы туура келээрин угуп экөө тең кубанып кетишти. Ошентип Алтынбекти сактап калды Аселя, бирок сиңдисинин каны эмнеге башка экенине башы жетпей көп ойлонуп жүрүп бир күнү үйүндө чогуу отурганда:

- Ата, бир туугандардын бири-бирине окшобогону болобу? - деди.

- Ал эмне деген суроо, түшүнгөн жокмун, - деди Сапарбек кызын таңгала карап.

- Бир бала авариядан көп кан кетип Азеля экөөбүз кан берели деп чечкенбиз.

- Анан.

- Кан группабыз окшошпой калды, Азеляныкы башка группа экен.

- Анын эмнеси бар, боло берет, бириңдики апаңды тарткандыр.

- Жо-ок, тескерисинче тиги балага менин каным туура келди.

- Кызык, ал каяктык экен? - Сапарбек өзүнчө ойлонуп кетти: "Кимдин баласы болду экен, Жаркын боюмда бар деп калды эле, бирок ал эми онго чыкты болсо", - деп ойлонуп, - Жашы канчада экен? - деди.

- Жыйырма үчтө, кызыгы Азеля экөөнүн төрөлгөн күнү бир экен.

- Кай жерлик экен? - Кызыга сурады.

- Кара-Кулжадан, жети кыздан кийин төрөлүптүр.

- Туура келсе келгендир, Кара-Кулжага өмүрү барган эмесмин, - деди Сапарбек күлө, - Атам тааныбаган жер.

- Окшошо берет да, - деди кенебеген Сейилкан.

- Эң кызыгы врач мага экөөңөрдүн каныңарда гендик байланыш бар экен деди, - дегенде Сейилкан чоочуп кетти.

- Эмне, кандайча андай болот?

- Мен кайдан билем? - Ошону менен баары унчукпай калышты, эртеси Сейилкан ооруканага атайын врач менен сүйлөшкөнү Аселяны ээрчитип келген, кабинетке кирээрдин алдында палатадагы Алтынбекти бир көргүсү келди, ал акырын Аселяга карады эле ал эшикти ачып кирди.

- Кандай Алтынбек?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Акыбал кандай, ата-энеңдер угушуптурбу?

- Ооба, келип кетишти, апам кайра келет го.

- Жакшы экен, качан чыгара турган?

- Бир жумадай жатасың деди го, - Алар сүйлөшүп жатканда Сейилкан шыкалап туруп Алтынбекти көрүп аябай таңгалды, неге экенин өзү дагы билбеди: "Акмак десе, бул Сапарбектин эле баласы тура, дагы бир ойношунан экен да, сени шашпа", - деп ойлонуп артына бурулуп врачтын кабинетинин эшигине келди да кайра: "Жок, болбойт сурабай эле коеюн, эмне болсо ошол болсун, менин балам деп үйгө алып келсе ошондо көрсөтөм, балким издеп дагы жүргөндүр", - деп Аселяны күтүп калганда Алтынбектин таежеси келип калды. Ал түз эле палатага кирип бара жатып Аселяны чоочуп барып токтоду, анткени Алтынбек менен Аселяны көргөн адам сөзсүз бир тууган деп ойлой турган: "Дал өзү Нуралиевичтин кызы го, булар кайдан таанышып калды, кудай ур десе", - деп босогодон кирбей саамга токтой калып анан:

- Оой Тилек кандай? - деп келип эки бетинен өөп, Аселяга кайрылды, - Бу кызым ким?

- Мен Аселямын, - Аселя күлүп койду.

- Таеже убара болбой эле койсоңуз болмок, - Алтынбек ушинтти да, - Таеже, бул мага кан берген кыз Аселя, - деди.

- Ии-ий айланайын, кудай өмүрүңдү узун кылсын кызым, Тилекти өлүмдөн сен сактап калган турбайсыңбы? - деп айтканы менен: "Ит болдум, ачылып калса канттим", - деп ойлонуп ийди, бул убакта сыртта турган Сейилкан: "Шуркуя десе, жылтыңдаган неме тура, Сапарбек менен соо эмес экен", - деп аны Алтынбектин апасы экен деп ойлонуп жатты.

- Алтынбек, мен кеттим анда, сакайып кет, - деп Аселя коштошуп палатадан чыгып кеткенде Алтынбек таежесине карап:

- Таеже, Аселя келин балаңыз болот буйруса, - деди.

- Эмне дейт? - Арзыкан чоочуп кетти.

- Болбойбу таеже?

- Мм...

- Таеже, мен Аселяны сүйөм, буйруса быйыл окуумду таштап Аселяны алып кетем, - дегенде Арзыкан эмне дээрин билбей калды.

- Шашпай турбайсыңбы ботом, окууңду таштап эмне.

- Атамдар үйлөн деп айылдагы кыздарды айта берип тажатып жиберишти, эми үйлөнсөм болот, - деп кубанычтуу күлө караганда Арзыкан көзүн андан ала качты:

- Окууңду таштаганың болбойт...

- Кийинки жылы окуп алам таеже.

- Кой мен кетейин, - деп шашып калды Арзыкан, - Аман-эсен ооруканадан чыгып алсаң анан көрөбүз да, - деп идишин алып кетип бара жатып Азеля менен сүзүшүп алды:

- Кечиресиз, - деп Азеля уялып кетти, - Кандай Алтынбек?

- Кел Азеля, - Алтынбек босогодо туруп калган таежесине кайрылды, - Таеже, бул сулуу кыз жанагы Аселянын сиңдиси Азеля.

- Ии-ий айланайын, жакшы экен, - деп чыгып кетти, ал кетип бара жатып мындан жыйырма үч жыл мурунку окуяны көз алдына элестетип бара жатты... Эжеси кайра-кайра кыз төрөй бергендиктен күйөөсү аны: "Эми кыз төрөсөң башка аял аламын, артымда туяк калбай калат, ушул жетиден кийин бурулбаса күтө албайм", - деп айтканын эжеси айтып ыйлап калды, айы күнүнө жетип калган, ошондой убакта Арзыкандын кайнатасы өлүп батага Нурманбет келе албай Тажикан келген. Тажия бүткөндөн эртеси Тажикан толготуп калып Арзыкан өзү иштеген төрөтканага алып келип түндөсү өзү төрөттү, дагы кыз төрөдү, дал ошол мүнөттө толготуп бир жаш келин келип ал эркек төрөгөндө эжесине айтпай туруп өзү алмаштырып койгон, анткени Тажикан төрөгөндөн кийин эсин жоготуп койгон болчу, ал эсине келгенче тигил келин да төрөп калып: "Ушул баланы алмаштырып коеюн, эмне болмок эле, экөө тең билбей калат", - деп ойлонуп жанындагы акушеркага билгизбей алмаштырганын эстеди. Ошондогу Тажикандын кубанганы кантип эсинен кетсин, жездеси уулдуу болдум деп бешик той берип аябай кубанып Арзыканды сыйлап: "Балдызым ак жолтой болду, өзү уулду көп төрөгөн неме жолуна салды", - деп бакылдап жатканы алигиче көз алдында: "Эми эмне болот, ушунчадан табышып калганын кара" - деп алапайын таппай бара жатты...

Сейилкан үйүнө келип кабагы ачылбай күйөөсүн күтүп жатты, ал өмүр бою өзүмдөн башканы карабайт деп ойлоочу, эми Алтынбекти көргөндөн кийин өзүн коеорго жер таппай чабалактап жатты: "Сенден башка аялды караганым жок, сени гана сүйөм Секен сен менин бактымсың, уулубуз болбосо дагы эки кызыбыз турат, уулбу-кызбы баары бир бала эмеспи, сен уул төрөбөдүм деп капаланба дегени кана, андан көрө кудайдан коркуп баласы бар экенин бизге ачык айтпайт беле, Сени шашпа, балаңдын апасын таптырамын, менден ашыкпы же кемби бир көрөйүн", - деп жинденип отурду. Аселя менен Азеля өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту, Азеля эжесине карап:

- Эже, Алтынбекке бардыңбы? - деди сынай.

- Ооба, акыбалын сурап койдум.

- Жакшы бекен

- Жакшы эле го, бир жумадан кийин чыгат экен.

- Аа-а, - деп койду Азеля, ал эжесинен аны кызгана баштаган: "Эмнеге эжем сулуу, мен андай эмесмин, Алтынбек туулган күнгө келгенде эле Аселядан көзүн албай карап жаткан, демек ошондон бери жолугушуп жүрүшсө керек", - деп ойлонуп, - Алтынбек сага жагабы эже? - деди.

- Адам катары албетте жагат, - деди Аселя күлүп.

- Сулуу ээ?

- Анын сулуулугу кимге, чынында эркектин сулуусу аялдын шору.

- Эмнеге андай деп ойлойсуң эже?

- Сулуу эркектер туруксуз келет дешет, улам бирин сүйдүрүп, кайра башкасына өтүп гүл тандап ширесин соргон аарыдан айрымасы болбойт имиш.

- Мен Алтынбекти андай деп ойлобойм.

- Ай сиңдишка, бир боорум, ичинде эмне жатканын билесиң? - деп Азеляны ууртунан чымчый эркелетип койду, - Ну пусть, бизге анын кандай - андайынын зарылчылыгы жок, - деп спальныйга кулады.

- Эже...

- Дагы эмне болду?

- Сүйүп көрдүң беле?

- Эмне деп жатасың, көп сүйлөбөй ордуңа жат.

- Чын эле айтсаң, тиги Айдарга күйөөгө чыгасыңбы?

- Эмне? - Аселя сиңдисин алая карап ойлонуп калды.

- Атам ошого болбой берип койсочу?

- Атам андай кылбайт, мен өзүм каалаганга чыгам.

- Ошого атам көнөбү?

- А эгерде сени зордоп эле ушуга тиесиң деп сен сүйбөгөн бирөөгө берем десе макул болот белең? - деди сиңдисине кайрыла.

- Жок, эч качан.

- Анда мен дагы макул эмесмин, жат уйкум келди, жарыкты өчүрүп кой, - деп ары карап жатып алды. Азеля жарыкты өчүрүп өзүнүн ордуна жатып алып ойлонуп жатты, эртеси эртең менен чогуу дасторкондо отурганда Сапарбек:

- Секен, бүгүн үйгө конок келет, жакшылап даярдангыла, - деди.

- Бүгүн мен конок күтө албайм, ооруп турам, - деп туруп кетти Сейилкан.

- Уят болобуз Секен. Ал биздин кыздарыбыздын келечеги үчүн го?

- Жок дедим жок! - деп үстүңкү кабатка чыгып кетти, Сапарбек үнсүз бир топко отурду да артынан чыкты, Сейилкан эшикти ичинен илип алган эле:

- Секен ач эшикти, болуптур бүгүн болбосо башка күнү, - деп Сапарбек эшикти такылдатса дагы ачпады, ал түндө күйөөсү келгенде айтса моюнуна албай карганганына карабай кекетип жаткан.

- Апама эмне болду? - деп Аселя сиңдисин карады.

- Кайдан билем? - Ал ийин куушуруп койду.

- Мындайы жок эле го экөөнүн.

- Мен дагы таңгалып жатам.

- Кыздар, кыздар келгиле! - деген атасынын үнү угуп жүгүрүп жөнөштү, Сапарбек эшикти ача албай жаткан, - Апаңар бирдеме болду, болгула эшикти сындыруу керек, - деди эки кызына.

- Апамды уруштуңуз беле ата?

- Көп сүйлөбөй түрт.

- Секен! - деп эшикти күү менен түрткөндө карс этип ачылып кетти, үчөө кирип барышса Сейилкан жерде жатыптыр баары аны тегеректеп калышты, - Секен ач көзүңдү.

- Апа, сага эмне болду?

- Ач апа көзүңдү.

- Тез жардам чакыргыла, - деди Сапарбек кыздарына, өзү Сейилканды көтөрүп спальныйга жаткырып колдорун кармалап жатты. - Секен, ач көзүңдү, эгер сага бирдеме болсо мен кантем, мени минтип күйгүзбөчү, ач көзүңдү, ач жаным, - Сапарбек ошентип жатканда Аселя менен Азеля жанында ыйлап отурушту. Көп өтпөй тез жардам келип алып кетти, анын жаздыгынын алдынан ар кандай дарылардын кагазын табышты, чогултуп ичип алыптыр, врачтар аны тазалап дарылап түнү бою укол берип жатып эртеси көзүн ачты, маңдайында Сапарбек менен эки кызы, апасы отурган эле:

- Мен кайдамын! - деди Сейилкан алсыз үн чыгарып.

- Апа, сен качан келдиң? - деп күйөөсүнө карабай апасына кайрылды.

- Бүгүн келдим кызым, деги эмне болуп кетти?

- Эчтеке эмес апа, - Сейилкан көзүн жума үшкүрүнө жеңилдеп алды.

- Алда кызым ай, өз жаныңа кастык кылгандай жаныңа эмне күч келди кагылайын?

- Сурабачы апа, эчтеке болгон жок, - жактыра бербей ары карады.

- Секен, деги өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - Сапарбек жакын келди.

- Жакшы элемин, - Анан Сейилкан жанындагыларды карады, - Силер чыгып тургулачы, мында сөзүм бар эле.

- Мейли, - деп апасы таягын алып жөнөдү, анын артынан баары чыкты, Сапарбек аялын карады.

- Кана, кулак сенде.

- Мени ук, бала чыгып кете электе жолугуубуз керек.

- Дайны жок сөздү сүйлөбөчү.

- Сен актанба, мени туура түшүн, баланын дарегин билели, сен мени менен бирге барасың жарайбы?

- Болуптур эми, дагы эмнени ойлоп чыгара койдуң экен?

- Аныгына жетмейин жаным тынч албайт.

- Макул-макул, өзүңдү кыйнабай эс ал, жакшы болуп калсаң анан бараарбыз, - деп аргасы кете сүйлөдү Сапарбек, Сейилкан унчукпай калды, эртеси ооруканадан чыгып Сапарбектин жанына отурду да ооруканага келип Алтынбектин палатасынын оозуна туруп калышты.

- Эмне дейбиз эми? - деди Сапарбек.

- Жөн эле, сага кан берген кыздын ата-энесибиз деп айтабыз.

- Чын эле, ошентип сөзгө тарталы, - деп кеңешип турганда эшикти Тажикан ачып ийгенде Сапарбектин чекесине бир тийип кетенчиктей калды.

- Апээй ботом, арыраак турсаңар болмок экен, - деп Тажикан чоочуп кетти, - Кечирип кой айланайын.

- Эчтеке эмес эже, күнөө өзүбүздө.

- Биз ушул палатага келгенбиз, - деди Сейилкан.

- Мен силерди тааныбайт экенмин.

- Уулуңузбу?

- Ооба, эмне болду?

- Биз... биз жанагы-ы... - Сапарбек аялын карады.

- Эже, биз сиздин уулуңузга кан берген кыздын ата-энесибиз.

- Иий айланайын, кире бергиле, мен азыр келем, - деп Тажикан ары карай кетти, алар эшикти ачып киргенде Алтынбек бейтааныш адамдарды карап калды, Сапарбектин оозуна сөз кирбей аялын карады: "Көрдүңбү", - дегендей Сейилкан ага ымдап белги берди. Алар үнсүз тиктешип турушканда тынчтыкты Тажикан бузуп кирип келди:

- Уулум, бу кишилер сен айткан Аселянын ата-энеси экен.

- Аа-а, саламатсыздарбы? - деп Алтынбек тура калып Сапарбек менен кол алыша учурашты, ал дагы эле сөзгө келе албай дел болуп турган.

- Жакшы болуп калдыңбы айланайын? - деген Сейилкан ушул саам балага мээрими төгүлө ичи жылып кетти: "Өзүм эркек туубасам, Сапарбектин көңүлү үчүн кабыл алайын деп жүрөгүм сезип жатабы, тим эле өз баламды көргөндөй эт жүрөгүм элжиреп кетти да", - заматтын ортосунда Сейилкан ушуларды ойлонуп жиберди.

- рахмат, жакшы болуп калдым.

- Сиздин балаңыз тура, атасы барбы? - деди Сапарбек көптөн кийин оюн топтоп алып.

- Ооба, атасы бар, үйгө алып кел деп атасы мени жиберди.

- Канчанчы балаңыз? - деген Сейилкан: "Бул аялдын андайга бараар түрү жок, бир топ улуу экен, кандайча окшоштук болуп калат, эк мейличи, менин акылы чолоктугумду кара, аз жерден өлүп ала жаздадым", - деп да ойлоп ийди.

- Жети кызым бар, мындан улуусу азыр келет, бул эң кенжетайыбыз, жалгыз уулубуз, - деди Тажикан, - Кудай ыраазы болсун айланайындар, кызыңар уулумду бир өлүмдөн сактап калыптыр, аманчылык болсо алдыңарга бир келебиз, - деп кыйыта сүйлөдү Тажикан, ага Алтынбек айткан болчу, ошол кезде Алтынбектен улуу эжеси Бурулсун кирди, аны көргөндө Сейилкан менен Сапарбек эмне болуп жатканына түшүнө бербей бири-бирин карап калышты, чынында Азеляга Бурулсун абдан окшош болчу.

- Саламатсыздарбы? - деген Бурулсун кирип иниси жакка өттү.

- Сакайып кет уулум, биз кайталы, - деди Сейилкан, алар сыртка чыккандан кийин Сапарбек:

- Түшүнсөм буйрубасын, деги эмне болуп жатат, бул аялдын уулу да, кызы да менин балдарыма кайдан окшошот? - деди жаны кашая, ал өз оюнда Сейилканды дагы урушат деп жаткан, бир жагы чындап таңгалышты. Алар чыгып кеткенден кийин Бурулсун:

- Апа, жанагылар ким? - деди.

- Аселянын ата-энеси келиптир, - деп жооп берди Алтынбек, анткени аларга келгенде эле айткан болчу, Тажикан негедир кубанып турганы менен жүрөгү түпөйүл боло: "Шумдук, адамга адам окшош болот деген чын тура, уулума коендой окшош экен, кокус эркек болгондо эгиз дечүдөй, анан дагы үч-төрт жаш улуу тура, мейли эми уулума жакса үйлөнтүп коелу", - деп ойлонуп жаткан.

- Аа-а, - деп койду Бурулсун, - Анан эмне кыла турган болду апа?

- Үйгө барып, атаң менен кеңешип анан кызга сөйкө салып кетебиз да.

- Оо Тилекбай, анда той дагы жакында турбайбы? - деп Бурулсун инисин эркелете карады, - Окууң эмне болот анда?

- Быйыл окууну токтото турам го.

- Эмнеге?

- Үйлөнүп айылда болобуз да.

- Үйлөнүп алып кайра окуй берсеңер болот да.

- Аселядан сурап көрөм, ал акыркы курс...

- Эмитен аялдан сурап, анын айтканы менен болом деп ойлобо, - деди Тажикан уулун олуттуу карап, - Камчы кайраттуу болсо катын уяттуу болот дейт.

- Апа, ал илгеркилердин сөзү да, азыр жыйырма биринчи кылым, - Алтынбек апасына күлүп карады, - Эски түшүнүктү унуткула.

- Өзүң бил балам, ата-бабанын сөзүн четке каккан болбойт, илгерки сөздөрдөн, макал-лакаптардан азыркы жаштар таалим-тарбия алсаңар жаман болбос эле, эски деп жерибей, - Тажикан наалып жатканда врач кирип Алтынбекти бир сыйра текшерип көрүп анан:

- Нурманбетов, эми сени кармай албайбыз, буйруса ден-соолугуң жакшы, - деди.

- Рахмат байке, - Алтынбек кубанып кетти.

- Эмесе өзүңө сак бол, - деп врач чыгып кетти, Алтынбек кийинип даярданып, буюмдарын чогултуп ооруканадан чыгып келе жатканда Аселя менен Азеля экөө бирдей келип калды.

- Алтынбек кандай?

- Алтын, кетип жатасыңбы? - Алардын сөзүн уккан Бурулсун апасын нукуду:

- Балаң эмне атын өзгөртүп алганбы?

- Билбейм, келгенден бери эле ошентип жатышат го?

- Тим койчу кызым, болсо болоор, - деп Тажикан Азеляны карап калды, - Тигинисин карачы, кимге окшоштуруп жатам?

- Билбейм, Салима эжеме окшоп кетет экен.

- Ошондой, көзүмө жылуу учурап жатат, - деп ары басты.

- Тилек, бол кетели, - деди Бурулсун аларга карап.

- Азыр эже, - Алтынбек кайсалактап калды, Азелянын көзүнчө Аселяга эч нерсе дей алмак эмес, бирок анда бир гана жүрөк бар болгондуктан Азелядан көзүн ала качып, - Аселя, Азеля мен силердин үйүңөргө чалып кабарлашып турам, - деди да анан апасы менен эжесин бир карап алды, - Буйруса сенин жакшылыгың үчүн атамдар ыраазылык билдиргени бир келип кетебиз деп жатат, эмесе кош болгула көрүшкөнчө, - деп колун сунду.

- Жакшы бар.

- Көрүшкөнчө.

- Силерге рахмат, - деп Алтынбек узай берди, экөө аны узата карап туруп анан өз жолдоруна түшүштү, жолдо кетип жатып Азеля эжесине карады:

- Чын эле келишет бекен?

- Кайдан билдим, сенин көзүңчө айтты го.

- Балким сенин колуңду сурап келишээр? - сынай карады.

- Кайдагыны айтпай жөнө окууңа.

- Эже, менден сырыңды эмнеге жашырасың, Алтынбектин сени жактыраарын мен жакшы илем, - деп Азеля эжесине таарынгандай карады.

- Азеля, каралдым менин кара көзүм, - Аселя сиңдисинин ийинине колун кое өзүнө тартты, - Сенин оюңча мен эмнени жашырып жатам?

- Билбейм, Алтынбек экөөңөрдө бир сыр бар...

- Койсоңчу, ал балакай менен кандай сыр болушу мүмкүн? - Күлө карады.

- Экөөңөр аябай жарашып каласыңар эжеке, негедир сулуулугуңар абдан окшоштуруп турат, кээде таңгалам.

- Эмнеге?

- Алтынбек экөөңөр окшошуп кетесиңер, неге экенинин дагы билбейм, мен силерди көргөндө сени кызганып кетем, анткени бир тууган болуп туруп мен эмнеге эжеме окшош эмесмин деп, эгерде сага окшошсом супсулуу болмокмун да, - Күлө кучактап өөп койду.

- Жинди кыз десе, ансыз деле супсулуу болуп турасың го? - Өөп-өп алды, - Билесиңби, дүйнөдө эң кымбат адамдарым сен, атам жана апам, башка эч ким эмес.

- Эжекем менин, менин дагы, - эже-сиңди кубанычтуу эки жакка бөлүнүштү...

Тажикандар такси менен Арзыкан сиңдисиникине келишти, ал карбаластап Алтынбектин башынан суу айлантып чачып ичкери киргизди.

- Аман-эсен үйгө келишиң менен Тилекбай, - Эки бетинен өөп койду, - Кана төргө өткүлө.

- Жакшы жатасыңарбы? - деди Тажикан.

- Кудайга шүгүр.

- Тилек, - Бурулсун инисине кайрылды, - Сен качантан бери Алтынбек болуп алгансың?

- Эмне болду эже? - Алтынбек күлө карады.

- Билбейм, кыздар келген сайын эле Алтын, Алтынбек дешкени кызык болду.

- Эже, чынын айтайынбы?

- Айта бер, эмнеге антип атаганын билели.

- Тилекмат деген ат мага жакпайт, картаң чалдын атындай угулат экен, ошол үчүн атымды Алтынбек коюп алганмын, силер үчүн Тилекматмын, - деп күлүп калды.

- Арам бокчу десе, - Тажикан уулун мээримдүү карады, - Сени ошол көп жашаган Тилекматтай болсун деп койгонбуз да берекем.

- Койчу апа, мен уялам.

- Алтынбек болбой эле Тилек деп кыскартып албайт белең? - Бурулсун инисине күлө карады, аңгыча Арзыкандын келини дасторкон жайып чай койду, Арзыкан өзүнчө эле бир башкача болуп сөздөн качып жатты, аны Алтынбектин үйлөнөм дегенин эстеп жатты.

- Арзыкан, - деди Тажикан ал күткөндөй эле оюн окуп койгондой, - Тилек үйлөнөм деп жатат, былтыр атасы экөөлөп айтып көндүрө албай койдук эле, эми шашып жатат, - Тажикан күлүп калды.

- Ии-ий үйлөнбөй анан, садага болоюн десе...

- Кимге дебейсиңби? - деди Тажикан уулун мулуңдай карап.

- Мен таежеме айтканмын апа, - деп Алтынбек өзү жооп кылды.

- Анда билет турбайсыңбы, кызды көрдүм-көрдүм эже, - көзүн ала качып сөзүн уланта албай такалып жатты, - Бирок...

- Эмне бирок таеже? - Алтынбек таежесин таңгала карады.

- Арзыкан, бир билгениң барбы айтчы бай болгур?

- Эже, ал кыз...

- Таеже, эмне дегиң келип жатат? - Бурулсун сөзгө аралашты.

- Ал кызды сойку деп уккам.

- Ка-алп! - Алтынбек кыйкырып тура калды, - Калп айтасыз таеже!

- Уулум отурчу, жай сүйлөшөлү, - Тажикан баласын жеңинен тартты.

- Мунуңуз болбойт таеже, менин Аселяга үйлөнүшүмдү каалабай турганыңды билдим! - деп Алтынбек чыгып кетти.

- Тилек, Тилек дейм! - деп Бурулсун артынан чыкты.

- Эже, мени түшүнгүлө, бирок бул тойду болтурбаш керек.

- Арзыкан, баламдын көңүлү түшкөн кызды неге сен жактырбай калдың? - Тажикан сиңдисин көңүл бура карады, - Тарбиялуу эле кыз көрүндү, ата-энеси дагы жакты...

- Болбойт эже! - деп Арзыкан катуу айтып жиберди, муну Алтынбектин артынан кеткен Бурулсун кирип келе жатып угуп токтой калды, - Эже, мени кечирип кой, сен муну билишиң керек.

- Айтчы деги, эмнени билишим керек? - Эже сиңдисине таңгала карады.

- Эже, мени кечир, мындай болоорун мен кайдан билдим, - Арзыкан ойлуу мындан жыйырма үч жыл илгери болгон окуяны айтып келип, - Сен өзүңдү жоготуп койдуң, жаш келин төрөп калды, менин оюма жездемдин сени таштап аял алам дегени түштү да ал келинге баланын жүзүн көрсөтүп "кыз" деп койдум да экөөнү алмаштырып койдум, анын экинчи кызы экен, унчуккан жок, мен сени кубанткым келди...

- Азаматсың таеже! - деп Бурулсун кирип келди, - Атам менен апамдын никесин ошентип сактап калган экенсиз да? - Көздөрүндө жаш мөлтүлдөп турган.

- Бурулсун...

- Буку, сен...

- Ооба апа, жыйырма үч жыл бою биз башка эле бирөөнү бир тууганыбыз деп эркелетип келген экенбиз да? - Бурулсун ызалуу келип алардын жанына отурду, - Эми кылган ишиңизди өзүңүз ирээтке келтириңиз, муну атам укса мүрт кетээрин билесизби, атамды андай курмандыкка ыраа көрбөйм!

- Бурулсун, ойлонолу садага, эми эптеп жолун табаарбыз, - деп Арзыкан күнөөлүүдөй аста унчукту, Тажикан болсо нес болуп үн катпай колдорун ушалап отура берди, оюна эч нерсе келген да жок, болгону ошол боюнда бар кездеги: "Ушул уул бала болсо болду, болбосо эркек төрөп берчү аял алам, ушуну угуп кой", - деген Нурманбеттин үнү угулуп жатты, ал сөздү сиңдисине гана айткан эле, башка эч нерсе билбейт.

- Кантип, Тилек ал кыздан өлсө дагы баш тартпайт, кантип ага айта алабыз, ал сенин бир тууганың деп, а биздин бир тууганыбызчы, ал ошол бойдон башканын кызы болуп жүрүп өтөбү, таеже ойлонуп туруп иш кылбайт белеңиз, ажырашса ажырашат эле да, минтип эки баланы ара жолго калтырганча эки аялдын балдары болуп атам балалуу болсо көрөт элек да! - деп Бурулсун ыйлап жатты.

- Эже, мени кечир, мен мындай болоорун билген эмесмин, - деп Арзыкан эжесинин колдорун кармап көрүп чоочуп кетти, ал отурган бойдон креслого жөлөнүп эсинен танган экен, тез жардам менен аны ооруканага алып барышты, аны угуп Алтынбек дагы барды, Тажикан эч нерсе билбей жатты, ал көп ойлонуп мээге кан куюлуп кеткен деди врачтар, инсульттун бир түрү экен. Алтынбек окуусуна дагы барбай, айылга да барбай апасын карап жатты, кыздары тынбай келип кетип жатты, Бурулсун аларга бир дагы сөз айтпады, атасы келгенде ага эрээркеп кучактап алып ыйлап жатты, ичтеги бугун ачык айта албай ыйлап жатты, ичтеги бугун ачык айта албай уул балалуу болдум деп көңүлү тынып бар дүйнөсүнөн ошол уулун артык көрүп жүргөн атасына боору ооруп ыйлап жаткан эле. Тажикан бир жума жатып сөзгө келбеген бойдон кете берди, Бурулсун таежесин жаман көрүп турса дагы жашыруун сыр чыгып кетишинен коркту, эми атасын дагы жоготуп алгысы келбеди, Арзыкан эжесинин өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип сыздап жатты. Аргасыз аны жерге беришкенден кийин Алтынбек таежесин чакырып алып ээн бөлмөдө таарынып жатты:

- Таеже, апамдын өлүмүнө сиз гана күнөөлүүсүз, эжемдер укса сизге жакшы сөз айтпасы түшүнүктүү, эмнеге каршы болдуңуз, мага ошону ачык айтыңызчы, сойку деген сөзүңүзгө ишенбейм.

- Тилек, садага болоюн, менин жаман оюм жок эле...

- Мында бир сыр бар, Аселяга эмнеге каршы болгонуңузга мен түшүнбөй жатам, - деп Алтынбек күйүп бышып жатты, - Сиз каршы болуп ага үйлөнбөсүн дегенге эле өлмөк эмес, чындыкты айтыңыз мага! - деди бакырып.

- Тилек, андай эле жаман сөз болгон жок, өлүп кетейин, кандай сыр болмок эле? - деп баладан көзүн ала качты.

- Калп, мага болгон сөздү айтасыз, муну Буку эжем дагы билет, - деп сыртка чыгып Бурулсунду чакырып келди, - Экөөңөр апамдын өлүмүнө себеп болгон сырды азыр мага айтып бересиңер!

- Тилек, кандай сыр болмок эле, апам Аселяга Тилек үйлөнбөсүн деген сөзгө эле катуу капа болуп ооруп калды, калганы өзүң деле билесиң го? - деди Бурулсун таежесине жаман көзү менен карап.

- Силер мени алдай албайсыңар?

- Болду эми, кечээ эле арамды жерге берип бүгүн урушуп жатсак эл эмне дейт, атам дагы зорго турат, кан басымы көтөрүлүп жатат.

- Болуптур, азыр айтпасаңар баары бир айттырам, - деген Алтынбек ачуулу чыгып кетти, бирок каалганы жапкан соң көзүн жумуп апасын көз алдына келтирип жөлөнгөн бойдон туруп калды, ал сөз тыңшайын деген эмес эле:

- Мына, сиздин жыйырма үч жыл мурун ойлонбой туруп жасаган ишиңиздин азабынан апамдан айрылдык, эми Тилекке өзүң жообун бер, - деди Бурулсун ал чыгаары менен.

- Кантейин, мен мындай болоорун ойлогон жокмун Буку, - Арзыкан ыйлап жатты, - Жездем жети кызыл чиедей болгон силерди таштап кетет экен деп корктум, ошентип алмаштырып койсом баары ордуна келет деп ойлодум, алардын табышып бири-бирин жактырып калаарын билбедим Буку-у! - деп ыйлап жатканын Алтынбек угуп тыңшап калды: "Кимди алмаштырган, кимдер сүйүшүп калды, эмне деп жатат", - деп ойлоп кулак түрүп калды.

- Эгерде ачыкка чыкса атам дагы соо калбайт, сиз соттолосуз туурабы?

- Ооба, мен соттолсом мейли, Тилек билбесин, жездеме зыян болбосун, - деп ыйлап жатканда Бурулсун.

- Азыр кетип калыңыз, апам менен кошо бизди дагы өлгөн деп ойлоңуз, эгерде Тилектин биздин балабыз эмес экенин укса сизди тиги алты жээниң ушул жерден өлтүрөт, Тилек бизден кетет! - дегенде Алтынбектин өңү боппоз болуп кирип келди:

- Эмне дедиңер? - Экөөнө алмак-салмак карады, - Мени ким алмаштырган, айткыла ачыгын!

- Тилек ачууңду токтот, эч ким эч кимди алмаштырган жок, - Бурулсун калтырап туруп калды.

- Мен, мен алмаштырганмын, силер Аселя экөөңөр бир туугансыңар, Азеля булардын сиңдиси, - деп Арзыкан айтканда Алтынбек Арзыканды жетип алка жакадан алып туруп:

- Эмне-ээ, эмне дедиң, сен апамды ошону менен өлтүргөн экенсиң да ээ? - деп туруп күү менен түртүп ийгенде ал терезенин жанындагы серванттын тумбочкасына бир тийди, серванттын айнектери сынып түшүп анын бетине тийип канжалап жатып калды, Алтынбек эчтекеге карабай сыртка чыгып кетти, Бурулсун кыйкырып-бакырганда эшиктен жеңелери келип калды, боз үйдөн Алима. Салималар чыгып келишип эмне болгонуна түшүнбөй Арзыкан менен алек болуп жатышты, аны шашылыш ооруканага алып кетишти, анын эки кыз бир баласы кошо келип койгондон кийин кетип калышкан эле, ооруканадан анын кара кушу жарылганын аныкташты, бетинин тилингенин көрүп балдары бөлөлөрү менен жаңжалдашып басылышты, күйөөсү дагы аларды соттотом деп арыз жазып ызы-чуу болуп жатып калышты. Алтынбек милицияга өзү барды, болгонун болгондой жазып берди ал, кыздары аны атасына жеткиришпеди, болгону сурай бергенинен:

- Ата, апамдын өлүмүнө таежемди күнөөлөп ачууланып түртүп ийгенде катуу тийди да, - деди Бурулсун, бир гана Нурманбеттен башкасы жашыруун сырды угушуп таежесин жек көрүп жатты.

- Анчалык эмнеге ачууланат балаң кургур, кокус өлүп калса Тилек соттолуп кетет да, - деп өзү кан басымы көтөрүлүп турган кары неме төшөктө жатып калды. Алтынбектин жазган арызы боюнча Сапарбектин үй-бүлөөсүнө милиция келип алардын үй-бүлөөсүн сурап жатты, Сейилкан бул кабарды угуп милицияда камалып жаткан Алтынбекти көрүүгө келди, жүрөгү кабынан чыга жаздап дүкүлдөп: "Менин уулум, садагам менин, кудайга миң мертебе шүгүр, билбей калмак экенмин", - деп көзүнүн жашы көл болуп жолуга албай кайра кетти, анткени ал даяр эмес эле... Арзыкан көптө барып өзүнө келип бирок сүйлөй албай калды, андан милиция сураганда жаңдап көрсөтүп ручка кагаз сурады, анан эптеп: "Мен Абылаева Арзыкан, Фрунзе шаарындагы №2 төрөт үйүнөн бир миң тогуз жүз жетимиш экинчи жылы он сегизинчи августта бир тууган эжемдин төрөгөн кызын Казиева Сейилкандын уул баласына алмаштырганым чын, жездем ошол убакта Кара-Кулжа совхозунда башкарма болуп турган, жети кыз төрөгөн эжемди уул төрөбөсөң аял аламын деп коркутканынан улам боорум ооруп ошол ишке барганым чын, кандай жаза болсо дагы мен доомат кылбайм, анткени күнөөлүүмүн, эжем ошонун айынан өлдү. Ал эми Нурманбетов Тилекматта доом жок, бошотуп коюңуздар, 1996-жыл, 19.10" Абылаева Арзыкан", - деп кол коюп берди. Алтынбекти кое беришти, бирок ал кайда бараарын билбеди, ошол убакта кыздары Нурманбет ооруп калганынан жанында болуп келе албай калышкан эле: "Мен киммин өзү, кимди ата-эне дешим керек, жан үрөп сүйгөн кыз өзүмдүн эжем болуп калса кимге ишенүүм керек, төрөлөөрүм менен менин тагдырымдын таш талканын чыгарган аялды өз колум менен өлтүрүүм керек эле, кантип өзүмдүн бөлөк экенимди билип туруп атамдын көзүнө карайм", - деп жер карап кетип жатканда алдынан Сапарбек менен Сейилкан чыга калышты:

- Тилек! - деди Сапарбек анын өз атынан атап.

- Тилек, уулум! - деп Сейилкан аны кучактап алып солкулдап жатты, Алтынбектин колдору шалдайып өйдө көтөрүлбөдү, энеси экенин билип туруп ага ийиле албады, үнсүз гана мостоюп тура берди, - Уулум, кудайдын көзү түз экен каралдым, өз баламды кайтарып берди, - Ал ыйлап жатканда Сапарбек аны карысынан ала:

- Секен, баланы кыйнаба, кое бер эми, үйгө баралы, - деди, - Уулум, сен бизди кабыл ала албай турганыңды билем, албетте сага өтө оор, - Күрсүнө эки жагын карап алды, - Бирок чынында сен биздин уулубуз экениң анык.

- Жок! - деп Алтынбек терс бурулду, - Менин бир гана ата-энем болгон, и болот ошол, силерди тааныбайм! - деп басып кетти, ал азыр эч нерсеге карабай чоң-чоң арыштап кетип жатты, ал кайда бара жатканын өзү деле билбеди, бир кезде өзүнүн үйүнө келип калганын көрдү, ал дарбазанын түбүнө келгенде гана сезди, анан көптөн бери алыста жүрүп жаңы гана келгендей эки жакты таңыркай карап эшикти акырын ачты, эшиктин алдында жүргөн Нурманбеттин күйөө балдары аны көрүп эле утурлай басты:

- Оо Тилек, аман-эсен келдиңби, - деп эң улуу күйөө баласы Эрмат аны кучактап калды.

- Кечирип кой кайним, тозуп бара албадык, - деди бири Сейит.

- Эчтеке эмес жезде, атам кандай?

- Сени сурап жатат, жүрү тезирээк кир, - деди Алмаз, Алтынбек шашыла ичкер кирип барды. Нурманбет кыйналып жаткан, келип эле жанына отура калып төшүнө багын коюп ыйлап жиберди:

- Ата, атакебай мен келдим, сен оорубачы атакебай! - деп боздоп жатты, анын бул көз жашы менен бирге бүт арманы сыртка чыга албаган бугу ый аркылуу чыгып жаткандай болду, ошол убакта Сапарбек менен Сейилкан, алардын артынан Аселя менен Азеля болуп кирип келгенин ал сезбеди, - Ата, ата мени кечир, акылдуу бала боло албадым, баягы үйлөн дегениңерде эле үйлөнүп алсам болмок экен, мени кечир ата!

- Уулум, мынчалык бошонбо каралдым, - деди Нурманбет араң дем алып, - Апаңды унута албай жатасың го уулум, сенин күнөөң жок балам, сен менин учугумду улаарымсың, - деп чачынан сылап жатканда кыздары ыйлап жатышты, Сапарбек: "Секен, Тилек бизди көрө электе кетип калалы, көрдүңбү атасы оор абалда экен, ал эчтеке билбейт экен", - деп кулагына шыбырай колтуктап сыртты көздөй бара жатып кыздарына: "Кеттик", - дегендей ымдады. Алар Алтынбектин окуясын айтканы менен Азеляга айткан жок, анткени бирин көндүрүп алып анан акырындык менен айтмак болушкан. Алардын чыгып бара жатканын көргөн Фатима (эң улуусу) артынан чыгып:

- Бул жакка кириңиздер сүйлөшөлү, - деди сылык гана.

- Рахмат, - Сапарбек баш ийкей ал көрсөткөн бөлмөгө баштады.

- Отуруңуздар, - Фатима алар орун алгандан кийин сөзүн алыстан баштап, - Кечиресиздер, болуп өткөн окуяга сиздер дагы, биз дагы жаман таңгалдык, чынында ишенгиң дагы келбейт, - Фатима ойлонуп көз жашын сыдырып алды, - Бул окуя апамдын өмүрүн алып тынды, атамдын дагы абалы оор, сиздерден өтүнөөрүбүз атам билбейт, кокустан көзү өтүп кетсе дагы артында туяк калды деп санаасы тынч өтсүн...

- Ооба-ооба карындашым, туура, - деп ийди Сапарбек.

- Тилек биздин бир тууганыбыз, сиздердин балаңар болуп кала берсин, биз аны жерибейбиз, там-таш, мал-жаны турат, кааласа өзү чечсин, анан биздин... - деп келе жатканда Сейилкан:

- Тилек Азеля экөө эгиз төрөлгөн сиңдим, мына ал... - деп Азеляны караганда Фатима түшүндү: "Демек сенин түгөйүң", - деп койгон экен деп ойлонуп алган ал:

- Аа-а, - деп тим болуп калганда тиги бөлмөдөн бакырык чыгып жүгүрүп чыгып кетти:

- Иш чатак, мындай болбош керек эле, айла жок эми, - деди Сапарбек дагы ордунан туруп, ошентип Нурманбет дагы оо дүйнө салды, өз канынан жаралган уул бала жогун ал билбей кетти, кыздары боздоп ыйлап кала беришти, Алтынбек уул балалык милдетин аткарып өкүрүп жатты, акыркы сапарына узатышты, Сапарбек ага өз колунан келишинче сыйын кылды, ага кыздары ыраазы болуп жатышты, анткени алар түшүнүктүү эле, ошол жерде Азеля бир нерсени сезгендей жаман абалда болуп турду, анын ички сезими эжелерине тартып абдан сезгич эле, өзүнүн аларга окшоштугун ойлонуп башы катты...

Алтынбек ата-энесинин заматта бул дүйнөдөн өтүп кеткенине ишене албай жатты, түшүндө болуп жаткан окуядай сезилип кыркын өткөрүп болгон соң үйдөн кетип калды. Эч кимге айтпады, кеңешпеди өзүнүн арманын арактан чыгарды, анан бир күнү таежесин өлтүрмөк болуп үйүнө барса ал эшиктин алдында коляскада отуруптур, сүйлөбөйт дагы баспайт, кара кушка тийген соккудан улам көзү да көрбөй калган эле, кирип барып:

- Мына мен келдим таеже, кубанып табаң кангандыр, эми атам да апам да жок! - деп жанына келди, - Мен киммин айтчы таеже, ушуну көрүш үчүн алмаштырдың беле, эжеңе бооруң ооруп ага ажал даярдаганыңды билесиңби? - десе да андан үн чыкпады.

- Ал эми сага жооп бере албайт! - деп жездеси Сагындык өктөм үн салып ары жактан басып келди.

- Аа-а, бул дүйнөдөн дагы жазасын алат экен да?

- Бас жаагыңды күчүк! - деп жини келди Сагындык, - Сени алар жаман баккан жок, эркелеп өстүң, алмашса бир тууганына жакшылык каалагандыр, эч кимге кеңешпей ушул болду, бар жолуңа түш!

- Мен кетем, бирок таежеме түшүндүрүп кой, өмүр бою ага нааразымын, бир кезде эки баланын тагдырын өзү чечип койгону үчүн мындан дагы артыгыраак жапа чегишин каалайм! - деди да чыгып кетти, ал эми ичкиликтен ары албай калды, Сапарбек аны издеп айылга барып ээн үйдү сүзүп кайра кайтып келип изилдеп, сураштырып жатты, алар аны ичкилик ичип жүргөн аллеядан кароо оюна дагы келбеди, арадан бир жыл өткөндө сакал муруту өсүп үйүнө баргысы келбей жүрө берди, өлгүсү келди, Аселянын эжеси болуп калганы, өз ата-энеси башка экени анын бул өмүргө болгон кызыгуусун таптакыр өчүрүп койгон. Бурулсун менен Салима келип аны издеген болушту, бирок аны таанымак тургай көрө алышпайт эле, эжелери ага сары санаа болуп түңүлүп Сапарбектикине келип кетишти, Сейилкан ыйлап-сыктап отурду, ал жүрөк оору болуп эки жолу ооруканага жатып чыккан эле...

Алтынбек сөзүн бүтүп Айсулууга карады:

- Мына, менин тагдырым, өзүмдү-өзүм өлтүрмөк да болдум, чынында ата-энемдин өтүп кеткенине өкүнөм, капысынан болуп өткөн окуяга мен даяр эмес элем, - деди улутунуп.

- Өкүнүчтүү, сен бир аз токтоорок болгондо эмне?

- Жаш экенмин, көнө албай койдум, эгер атамдар өлбөгөндө мага арка бел болсо мындай болмок эмесмин, - деп чалкасынан жата кетти.

- Атаң кайда турат экен?

- Ал шаарда эле, алар мени издеп тажабай жаткандыр?

- Сен аларга барышың керек Тилек, - деди Айсулуу күлүп.

- Эмнеге антип атадың?

- Мага ошол Тилек деген ат жакты.

- Эмнеси жагат?

- Адамдын тилегинен ыйык эмне бар, ата-энең бечаралар сага болгон тилегин арнаган турбайбы?

- Койчу? - Алтынбек отура калды, - Мен түшүнгөн эмес экенмин да.

- Дал ошондой Тилекмат Нурманбетович.

- Нурманбетов Тилекмат Жумаевич.

- Аа-а кечиресиз, - Айсулуу күлүп терезени карады, - Таң атып кетти Тилек.

- Ооба, менин кызматым дагы башталды.

- Аткара албасаң жазаланасың, - Экөө каткырып калышканда эрте туруп ылдый түшүп ашкананы көздөй бара жаткан Разия угуп калып жини келип алды: "Акылсыз десе, энени көзүнө илбей бир селсаяк менен каткырып жыргап жатканын", - деп ашканадан суу ичип кайра чыкты да бөлмөсүнө кирип кетти. Айсулуу ойлонуп калды, негедир ага Алтынбек жагып калды, экөө таң эртеңки чайын ичкен соң туруп бара жатканда:

- Тамагыңыз таттуу болсун, - деди Алтынбек Разияга карап.

- Рахмат, - деп жини келип мурдун чүйрүдү.

- Мам, кечке чейин, - Айсулуу ого бетер жинине тийди.

- Мени жинди кыласыңар го? - деп кала берди, Айсулуу бул күнү Алтынбекти базарга алып барып бир сыйра кийим алып берип, өзү дагы кийинди, бул жолу ал көйнөк алды өзүнө.

Кечинде дагы бирге отуруп тамактанышты, Разия кызынан коркконунан эле үн дей албай жатты, Артур Айсулуунун жаны келип:

- Мама-а, папама качан барабыз? - деди эркелей.

- Артик, папаң азыр биерде жок, алыс жакка кетиптир, - Уулун чоп эттире өөп алдына отургузду, - Келгенде жолугасың.

- Калп айтпаңызчы, атам үйүндө эле.

- Уулум, мен чарчадым, таенең экөөңөр телевизор көргүлө ээ, мен эс алайын, - деп Артурду апасы жакка каратты, - Мам, жомок айтып бересиң ээ Артикке?

- Ооба, жүрө гой уулум, бөлмөңө баралы, - деп Разия тура жөнөдү, ал азыр бирдеме десе эле өлөм-житем дегени турат: "Кайдан дагы ушу Жанболоттон ажырата койдум эле, мындан көрө ал дурус эле го, айтканы да туура, ортолоруна түшпөй койсом болмок экен", - деп өкүнүп жүргөн.

Айсулуу үйдөн чыкпай калды, Алтынбек менен көп убактысын өткөрүүгө аракеттенип Жанболотту дагы унута баштады. Арадан жума өткөндө Алтынбектин жүзүндөгү жаракаттар кетип кадимкидей болуп бара жатты, күндө жуунуп, сакал мурутун алып, таза төшөккө жатып, жакшы тамак ичкенге өңүнө чыга түштү. Айсулуу бир күнү эрте туруп кетти, ал Алтынбектен Сапарбектин иштеген жерин уккан, атайын ага жолукканы эртелеп офисинин алдында болду. Көп өтпөй эле ал эки жандоочусу менен келип кабинетине кирип кетти, катчысы андан кийин келип отураары менен:

- Эже, Суранбаевич качан бошойт? - деди Айсулуу.

- Качан бошоорун билбейт экенмин, күтө тургула, - деп кагазына үңүлө бир азга отурду да, - Эмне жумуш менен келдиңиз эле? - деди.

- Мен бир иш менен...

- Андай болбойт, кандай жумуш менен келгениңизди жазышың керек.

- По личному, новерное ни возможно?

- Нет, нивозможно, - деп тиги катчы көзүнүн төбөсү менен карады, Айсулуу сыртка чыгып бир аз турду да кайра кирди, эшиктен күтмөк болгонуна күлкүсү келди: "Таанышымдан бетер эшиктен күткөнүм кызык, тааныбасам кантип жолугат элем", - деп ойлонуп отурганда кабинет ачылып экөө чыгып кетти, Айсулуу катчыга кайра кайрылды:

- Суранам эже, бир зарыл иш менен келгенмин, жок дегенде айтып коюңузчу, - деди эле ал: "Баары бир бош эмеспи, кирсе кирип чыксын", - деп ак көңүлү кармап:

- Ким деп айтам? - деди.

- Кемелова Айсулуу, бирок мени тааныбайт, - деди Айсулуу, ошентип ал Сапарбек Суранбаевич менен жолугуп сүйлөшүп чыкты, негедир кубанычтуу, үйүнө келген Айсулуу кечкиге конок келе турганын айтып даярдык көрүп койду, Алтынбекке таза, жаңы кийимдерди кийинтип бөлмөсүнө отурганда:

- Айсуу, мен бир нерсени сезип турам, ушунуң чынбы? - деди Алтынбек.

- Эмнени сездиң? - Айсулуу күлүмсүрөй карады.

- Келе турган конок мага тиешелүү эмеспи?

- Таптың, капаланбайсыңбы мага?

- Жок, бирок сен эмне деп айттың ошону билейин.

- Сен экөөбүз Россияда жашап жүргөнбүз, анан аларга сен барбайм дегенде мен табыштыргым келгенин...

- Азамат! - Алтынбек аны кучактап иймек болуп токтоду. - Кечир.

- Эчтеке эмес, сенин туура жолуңду таап берсем болду.

- Рахмат, сенин ызаң, апаңа болгон ачууңдун шарапаты мени адам экенимди эске салды, бирок мен көп ичкилик деле үшчү эмесмин, болгону кышында үшүгөндө ичип койчумун, ошол кезде мага акыл-насаат айткан эч ким болбоду, эжелеримден жаа бою качтым, неге экенин өзүм деле билбейм - деп оор күрсүнө ордунан турду Алтынбек, - Азыр дагы алар менен жолугушууга даяр эмес элем, эми болбос, - деди терең дем ала.

- Башыңды өйдө көтөр, сен жакшы адамсың, эгерде минтип сүйлөшпөгөндө сенин ким экениңди ким билет эле Тилек, сени ушул эрезеге жеткирген ата-энеңдин азан чакырып койгон атын унутпа, - деп Айсулуу ага өз билген акылын айтып жатканда Катя баш багып:

- Айсуу, коноктор келди, - деди.

- Конок бөлмөгө киргиз, - деди Айсулуу, Сапарбек менен Сейилкан, Азеля болуп келишкен эле, Айсулуу алар орун алгандан кийин үстүнө кирди, - Саламатсыздарбы, кош келипсиздер!

- Келип калдык кызым, жакшы кабарың бар экен, - деди Сейилкан.

- Ооба, мени туура түшүнөт деп ойлодум, - деп эшик жакты караганда Алтынбек кирди, аны көрүп үчөө тең тура калды:

- Уулум! - деп Сейилкан жетип келип кучактап калды, бул жолу Алтынбек дагы аны кучактап ыйлап жатты, - Жарыгым, жалгызым менин, кудайдын бары чын экен, сени көрдүм. - деп солкулдап жатты.

- Байбиче, биз деле көрүшүп коелу мырза менен, - деп Сапарбек жанына келди, - Кана Тилек мырза, ал-акыбал кандай? - деп жылмайды, Сейилкан бери жылганда бооруна кысып далыга таптады, - Аман экениңе шүгүр балам, уул балам жок деп арман кылчу элем, эми менин бактым тоодой. - дегенде Алтынбектин кулагына: "Эгерде дагы кыз болсо башка аял алам дегенинен жети кызды таштап кетет экен деп ошол ишке барбадымбы", - деген таежесинин сөзү кулагына угулуп:

- Эмнеге адамдар ушундайсыңар, бир кезде атам дагы ошентип айткан сөзүнөн улам менин тагдырым ушул болду, бир сөз үчүн канчалаган тагдырдын талкаланып жатканы менен ишиңер жок! - деп жинденип кетти Алтынбек.

- Койдум-койдум уулум, мени кечир, - деп жиберди Сапарбек, үстөл үстү толтура. Эмне гана жок, Разия Алтынбектин кычыраган ата-энесин көрүп өз бөлмөсүнө кирип жасанып, кийинип алып үстүнө кирди, ар кандай сөздөр айтылып кечке маал гана кетишти. Алтынбекти алып кетели дегенине болбоду, эки-үч күндөн кийин аларды чогуу үйүнө чакырып алды. Сапарбек Бурулсун менен эки-үч эжесин дагы чакырып койгон эле, кубана көрүшүп бир сыйра ыйлап-сыктап алышып анан аерде конок болушуп анан айылга жөнөштү.

Нурманбеттин заңгыраган тамы үч жылдан ашык убакытка ээнсиреп турса эми бака-шака болуп жатты. Айыл коңшулары эчтекеден кабары жок, - деп ойлошкону менен эл ичинде имиш-имиштер айтылып басылган эле, эми дагы бири-бирин нукуй кеп кыла коюп шыбырашып жатышты:

- Ай, Тилек Нурманбеттин өз баласы эмес экен дейби ыя?

- Ошондой экен да, байкуш Тажикан шаардан алмашып келген имиш.

- Иий бетим, байкуш Нурманбет өз балам деп жүрдү да ээ?

- Анан эмне кылмак эле, аялынын боюнда болсо, төрөп келсе күмөн санамак беле? - деп шыбырашып жатты. Кызыгы Алтынбек менен Айсулуунун никесин кыйып койду, Сейилкан ага алтын жасалгаларын тагып, тим эле кубанып жүрөт, эжелери бүт күйөөлөрү, балдары менен келип ошол жерде, Разия Артурду жетелеп Айсулууга ыраазы болуп жүрдү, кыскасы тагдырдын дагы бир табышмагы аларды табыштырып бүгүнкү күнү баары бактылуу, бир гана Азелянын жүрөгүндөгү сезим ага тынчтык бербей: "Менин бир туугандарым, өмүр бою көз менен, дилибизден сүйлөшүп ачыкка чыкпай өтөбүзбү, неге мени ойлобойсуңар, эгерде ата-энем болгондо алар мени жок дегенде бир жолу жүзүмдөн өөп кызым деп айтаар беле", - деп тымпыят. Аселя күйөөсү Айдар менен эки жашар уулу Рамис болуп келишти. Алтынбек тагдырына көнүп берди, Айсулуу менен бактылуу болооруна ишенип чогуу отурганда баарына карап:

- Мени кечириңиздер! - деди башын салаңдата, - Мен өтө жеңил окшойм, же эркеликтин кесириби, балким кулагыма өөн учурадыбы өзүмө келе албай жолдо калып калганмын, - дегенде бири-бирин карап туруп калышты.

- Тилек, өткөндү эскергенде эмне? - деди Айсулуу.

- Жо-ок, айтуум керек, анткени мени сенин эркелигиң, өз билгениңди бербеген өжөрлүгүң мени саздан сууруп чыкты, мен атайын качтым эле, өзүмдөн-өзүм, тагдырымдан качтым эле, -дегенде Сейилкан:

- Уулум, бул да болсо маңдайга жазылганы, пенденин өзүн себепкер кылып коюп айланайын жаратканым өзү сыноого коет тура, биз алланын колундагы пендебиз садага, мындай болот деп үч уктасам оюма келген эмес, Азеляны кантип мен бирөө алмашты деп ойломок элем, эч кандай күмөн санаган эмеспиз, сени көрүп мен таптакыр башкача ойлогонмун...

- Секен, болду эми, балдардын көзүнчө, - деп Сапарбек күлүп калды.

- Эмне дейбиз эми, - деди Фатима сөз баштап, - Тилек биздин бир тууганыбыз, ушул үй-дүнүйө мүлктүн баары ушунуку, атам көзүнүн тирүүсүндө бизге айтып калчу, силер Тилектин өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү болгула, өз энчиңерди бердим, жалгызсыратпай жанында кубат болгула дечү эле, ата сөзү балага мурас дегендей атамдын керээзин аткарабыз, - дегенде эже-жезделери бир ооздон кубатташты, Азеля ушуларды угуп туруп аларга ыраазы болду, атасын көрбөсө дагы апасын бир көргөнүн элестетип: "Менин ата-энем жакшы адамдар болушкан экен да, түшүнүктүү адамгерчиликтүү болгону үчүн эжемдерге жакшы тарбия беришкен экен", - деп зыңгырап отура берди...

Бегимайдын оорусуна карап Мустафа койду тапшырып үйүнө көчүп келди, мал-кели бар, бул кезде Гүлмайрам беш-алты балалуу болуп калган, күйөөсү менен ажырашып эл катары соода кылуу үчүн ал дагы шаарда, Бегимай бул кезде карып калган эле, Мустафа бир жылдай ооруп көз жумду. Уулдары үйлөнүп, кыздары очор-бачар болгон кез, Гүлмайрам соода кылып беш баласын чоңойтту, кыздары күйөөдө, колдору жука, апасына кайрылыша албайт. Бир күнү ооруп калып врачка көрүнсө ага айыкпас дарт экенин далилдеген аныктама карматты, ошондо гана Гүлмайрам өзүн таптакыр алсыз да жардамсыз бир бечара сезди. Атамкул бул кезде сексенден ашып калган, ага кээде гана барганы болбосо каттабайт деле. Ооруп калганын ачык айтпай жүрө берип акыры чыдабай калганда гана тез жардам менен ооруканага түштү, ошондо гана балдары анын айыкпас оору менен ооруганын билип таенесине чалып, тагаларына телефондон ыйлап жатышты. Ошондо Бегимай келип:

- Жалгызмын дебе, ини-сиңдилериң турат, мына баары акча чогултуп беришти, арман кылбай жакшылап дарылан, - деди.

- Мен арман кылып бүткөнмүн эже, бирок бул оору мени кандай кылат ким билет?

- Антпе, айыкпаган дарт жок, адамга ажал келсе оорубай туруп кете берет, аракет кылсаң бул ооруну жеңесиң.

- Ооба, бир кудайдан башка арга жок, - деп улутунуп алды Гүлмайрам.

Ошондон баштап дарыланып жатты, бирок азыркы кезде оорусаң врачка берчү акчаң болбосо карабай калганы чын, абдан кыйналганда ал атасына бармак болуп шаарда батирде турган сиңдисине телефон чалып ал-абалын айтканда ал атама айтпай эле койгула десе болобу? Гүлмайрам ичтен тынып тим болду да ага айтпай айылга жөнөдү, кечке маал жетип барды, Атамкулдун беш баласынын энеси өлүп калып кийинки аялы менен жашачу, андан төрт баласы бар, кезинде кыздары өгөй энеден аябай эле кордук көрүшкөн болчу. Гүлмайрам ички сырын айтып кетмек болуп отурганда Атамкул кийинки аялынын балдарына карап:

- Ээ балам бизде канча кой бар? - деди акырын, - Чоң уй болсо Сезимдики, торпогу менен сарала уй Рысбектики, анан сен айтчы? - деди.

- Ата, бизде төрт кой бир козу эле бар.

- Он кой Айылчыныкы да ээ?

- Ооба, жетөө Насипкандыкы, бизде мал калган эмес тура, - деп отурушканда Гүлмайрам ызасынан көзүнө келген жашты кылк жута: "Аттиң ай, бекер келген экенмин, керегем сага айтам, келиним сен ук деп жатканы го, кантсе дагы ушундай атадан төрөлгөнүмө өкүнсөм, Батмадай аялдын колунда тарбияланганыма сыймыктанам, апам байкуштун өлүгү мындан төөчөлүк өйдө тура", - деп ойлонуп үндөбөй эртеси таң эрте эчтеке айтпай кете берди. Көрсө анын кеткенин кыздарынан угуп Зинагүл деген кызы телефон чалып койгон тура. Гүлмайрам ошондо кайра чыйрала: "Атадан алыс өскөнүм менен мээримден куру калбадым, атасынын колунда өсүп кайсы акыл-насаатты укту дейсиң, мейли алар мага андай мамиле кылса кудай бар төбөдө, кантсе дагы өгөйдөн өлгөнчө таяк жеп, уу тилге сугарылып өскөндүк кылат тура, мен апамдын аркасында адам болдум, жаман менен жакшыны айрып биле алам, көтөрүмдүү да чыдамдуумун, көрбөй жүрүп көргөндөн түңүл деп бекер айтпаган экен", - деп өзүнчө эс ала түштү. Бирок негедир жүрөгүн өйүгөн бир нерсе анын жанын жай алдырбайт: "Эмнеге менин атам башка балдарындай көрбөйт, балким ал чын эле жакшы адам эместир", - деген ой...

Арзуу менен Жанболот тынч жашап калышты, алар Айсулуунун күйөөгө тийгенин укканда эс ала түшүштү, айрыкча Арзуу ичинен кубанып алды. Экөө жумушка бирге кетип бирге келишет, айлыктарын ынтымакташып катып үй алганга аракет кылып жүрүшкөн эле. Бир күнү жумушта отурса бир келин аны сыртта бирөө чакырып жатканын айтканда жүрөгү болк этип алды: "Дагы Иманбек келип калдыбы, кантип билем, айтпай чыгып кетсем Жанболот жаман ойлоп калат, андан көрө аны чыгарайын", - деп анын жанына келип:

- Жанболот, сыртта мени бирөө чакырып жатыптыр, коркуп жатам. - деди.

- Ким экенин айтпадыбы?

- Жо-ок, ким экенин билбейм.

- Отура бер мен чыгам, - деп Жанболот чыгып кетип көптөн кийин кирип аны ээрчитип эшикке чыкты, - Жүрү тезирээк апама баралы.

- Эмнеге Жанболот?

- Сайра катуу оруп жатыптыр, - деп ылдамдап кетип жатты.

- Жакшы эле бекен деги, кимди жибериптир? - Арзуу катуу кетип жаткан Жанболотко жете албай бара жатып сурай берди, такси жалдап алар Беловодскиге келишсе үйүнүн алдында эл көп, дароо эле сезди Арзуу, - аа-а! - деп бакырып ийгенде Жанболот кармап калды, аларды көздөй аялдар келип Арзууну алып кирип кетишти.

Ошентип Арзуу сиңдисин жоготуп ыйлап кала берди, бири кетсе, бири келген бири кем дүйнөдө алар эриш аркак жашап жатышты, бирок аларга эч ким тоскоол болбогону менен апасы Жамийла келип алардын жашоосуна киришип тескеп жатты, жумуштан келсе батирде күтүп турган экен, учурашып ичкери киргенден кийин Арзуу чайын коюп тыпылдап кайненесин сыйлап жатты.

- Жанболот, - деди Жамийла бир кезде, - Жашаганыңарга бир жылдан ашып бара жатат, качан балалуу болосуңар ботом, Артурду дагы тиги шерменде бербей кетти, неберелүү кылсаңар боло? - дегенде Арзуу Жанболотту жалт карады.

- Буйруса болот да апа.

- Кой айланайын балалуу болгула эртерээк. - деп уулун караганда Жанболот күлүп калды.

- Апа, кудайдын буйругу менен болот да, он жылдап деле күтүшөт экен го, биздин үйлөгөнүбүзгө бир жыл эле болбодубу.

- Атаң Артурду сагындым деп жатат, тигиниң береби алып кеткен неме?

- Ой апа, бермек тургай көрсөтпөй жатат, ал күйөөгө тийип алган.

- Апей ботом баланы эмне кылды?

- Апасында да.

- Соттошуп да болсо баланы алсак кантет?

- Тим кой апа, аны менен соттошкондо эмне, чоңое берсин.

- Кебелип койбой айтканын, - Жамийла баласына нааразы боло отуруп калды, Арзуунун жүрөгү кыжаалат болуп жатты: "Эми эле минтип жатса мени тургузбайт го, эми кандай кылам, боюма болбосо кантем, төрөй албайсың дегенине карабай үмүт кылсам дагы дайны жок, кой Жанболотко кеңешип ажырашып эле кеткеним жакшыдыр", - деп ойлонду.

- Арзуу, тамагың быштыбы балам? - деди көптөн кийин.

- Даяр болуп калды апа, азыр алып келем.

- Минтип жүрө бербей бизди неберелүү кыл айланайын.

- Болоор апа, - деп оозу бош жооп берди Арзуу, ал ошенткени менен ичинен күйүп турган эле, Жамийла үч-төрт күн туруп анан кетти, бир аз жумушу бар экен, бүтүрүп анан кетти, ал кеткенден кийин Арзуу Жанболотко айтса ал болбоду, ары кетип бери кетип бала багып алууну чечишти, ата-энесине барбай таарынып жүрүп анан бир күнү сүйлөшкөн аялы ага баласын таштап кетти эле бирөөлөрдөн айттырып ийишти, баягы батирден башка жакта жашашат. Апасы келип көрүп кубанып жатты:

- Айла-анайын десе, тууса туяк, туубаган уят деген, минтип небере жыттатып ырас кылбадыңбы?

- Апа, небереңди эми багасыңбы? - деди Жанболот күлө.

- Апей ботом, эми элеби?

- Жо-ок, чоңойгондо дейм.

- Бакпай анан, Беки менен Какинин балдарын жашымда баккан экенмин, азыр карып калбадымбы балам, - деп кейип койду Жамийла. Алып кетем дегенине болбой коюшту, Жамийла билип калат экен деп корккон эле, ошентип Жанболот айтканына туруп ага бала жөнүндө айтпады, мамыр-жумур болуп иштеп баласы менен бактылуу жашап жатканда тойго чакырып калды. Анткени Сапарбектин бир тууган эжеси экен Жамийла, бир нерседен катуу таарынышып көп жылдан бери катышпай калышкан эле, Алтынбек менен Айсулуунун тоюна чакырышкан. Чакыруу билетин көргөн Жанболот аң-таң калды да: "Кайдагы баласы болду экен, тагамдын эки эле кызы бар эмес беле", - деп ойлонуп барбады...

Бегимайдын үчүнчү кызы Фатиманын тун келини, ошентип той чоң шаарда өттү, Гүлмайрам дагы Бегимайды ээрчип барып тойго күбө болду. Сүйүү, махабат кызганыч адамдардын тагдырындагы болуп туруучу нерселер эмеспи, Арзуу үйүндө отуруп кыңылдап ырдап уулун жөргөктөп жатты:

- Арзыштык, сагыныштык таарыныштык.

Кызганычтан бат эле сууп айрылыштык.

Өзүбүзгө-өзүбүз ээ боло албай.

Эки жээкте томсоруп жаңылыштык... Аттиң десеңчи, сүйүшүп күндөп түндөп уйку көрбөй бир болчу мезгилди самап убакыт өтпөгөн мезгил кандай сонун, бирок үйлөнүп алган соң ал сүйүүнүн кадыры бир көз карашка арзыбай кызганычтан канчалаган кызыл гүлдөр соолубады, тепселбеди...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз